Томдук

Кыргыздар 2-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук 2-ТОМ

                                           Тарых

Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ,  Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Антологиянын 2-томуна кыргыздардын жана Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхын чагылдырган баалуу изилдөөлөр киргизилди. Өзгөчө кыргыздар тууралуу адепки маалыматтар жана алардын Борбордук Азия мейкининдеги тарыхынын жана маданиятынын өнүгүшүнүн эң орчундуу жагдайлары тууралуу кабарлар маалымдалат.

В.В.БАРТОЛЬД

КЫРГЫЗДАР

          I БАП

ЭҢ БАЙЫРКЫ МААЛЫМАТТАР

Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири. Азыркы убакта Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты ушунча эрте жолуккан бир да эл жок болуш керек.

Монголдук мезгилге чейинки Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнүн тагдыры жөнүндө дээрлик бүт маалыматтарыбыз официалдуу кытай историографиясынан алынган, мында элдердин аты жана башка жеке аттар, энчилүү жана географиялык аттар, албетте, кытай иероглифтеринин (тамгасынын) айтылышы боюнча берилген, Кытай тексттерин которгондо орус окумуштуулары адетте азыркы убактагы пекин наречиесинде иероглифтердин айтылышын жетекчиликке алышкан, ал эми батыш европалык окумуштуулар кытайдын адабий же «мандарин» деп аталган тилин колдонушкан. Кээ бир синологдор мындан тышкары лингвисттик маалыматтардын негизинде сөз болуп жаткан тарыхый эстелик таандык болгон мезгилде бул же тиги иероглиф кандай айтылгандыгын аныктоого аракеттенген. Мына ушуга байланыштуу кытайлар эске алган элдердин этнографиялык теги жөнүндө маселе да чечилген. Колубуздагы очеркте батыш европалык синологдордун эмгектеринин ичинен көбүнчө Хирттин макаласына (1899), Шавандын эмгегине (1903) жана де Гроттун эмгегине (1921) таянуулар көп жолугат.

Орто Азиянын элдери жөнүндө орус тилиндеги кытай маал ыматтары кечил Иокинфтин (Бичуриндин) «Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтардын жыйнагы» (1851) деген эмгегинде топтоштурулуп, ал X кылымга чейин жеткирилген. Бул эмгектин уландысы катары В. П. Васильев дин «X кылымдан XIII кылымга чейинки Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнүн тарыхы жана байыркы мезгили» (1857) деген эмгегин эсептөөгө болот.

Официалдуу Кытай историографиясынын мезгил боюнча алгачкы эстелиги «Кытай тарыхынын атасы» Сыма Цяндын «Тарыхый запискалары» болуп саналат, ал өзүнүн эмгегин биздин доорго чейинки 99-жылы аяктаган. Бул мезгилде кытайлардын түндүктөгү коңшулары Орто Азия нын тарыхында биринчи белгилүү кеңири көчмөн империясын түзгөн хунндар болгон. Кытайлардын өздөрү адетте хунндарды түрк тегиндеги элдер менен жакындатышкан. Европалык окумуштуулар акыркы убакка чейин көбүнчө хунндарды да түрктөр деп эсептеп келишкен, ал эми азыр Орто Азия жөнүндө кытай маалыматтары боюнча адис профессор Пельо хунндардын монголизми жөнүндө мурунку теорияга жакындаткысы келет. Сыма Цяндын сөзүнө караганда, түнд үктөгү хунндар биздин доорго че йинки 201-жылы Гэгунь падышалыгын өздөрүнө каратып алган. Кытайлардын өздөрү, ошондой эле европалык окумуштуулар да кыргыз деген сөздү билдирүү үчүн пайдаланылып келген транскрипцияны ушул транскрипция менен жакындатышат, демек, биздин доорго чейинки 201-жылдагы окуялар жөнүндөгү маалыматтар мезгили боюнча кыргыздар жөнүндөгү биринчи маалымат деп эсеп телүүгө тийиш. Бул транскрипцияны башкача түшүнд үрүүгө да аракет кылып көрүшкөн, биз азыр көрүп тургандай кийинчерээк Гянь формасынын биринчи муунунан «Кем» дарыясынын атынын берилишин, ал эми экинчисинен «Орхон» дарыясынын атынын берилишин көрүш көн, ошондуктан кытайлар Енисей менен Орхондун ортосундагы аймакты ушундай деп аташкан деп болжошкон. Енисей чындыгында түрк элдеринде дайыма эле «Кем» деп аталып келген, бирок кытайлар бул сөздү башкы иероглиф менен берип келишсе да, анын биринчи бөлүгү кыргыз деген атты билдирген. Чынында эле экинчи бөлүгү кийинчерээк Орхон дарыясынын аты берилгендей ошол эле иероглиф менен түшүндүрүлгөн, демек, кыргыз элинин аты угулушуна жараша айтылып келген деп ойлоого болот. Пельонун пикирине караганда, жеке түрдөгү кыркун деген монголчо түзүлгөн сөз деп эсептейбиз. Кытайлар кыргыздар жөнүндө өздөрүнүн кошуналары хунндардан билген соң, муну менен бул элдин монголизм жөнүндө Пельонун пикири ырасталар эле.

Биздин доорго чейинки 201-жылдагы окуя жөнүндө баянда кыргыздардын жергеси жөнүндө, анын жашаган жайы тууралуу эчтеке айтылбайт, а бирок кыргыздар менен бирге алардын коңшулары катары динлин эли аталган, муну «енисейлик остяктар» деп аталгандардын ата-бабалары деп эсептешкен. Мына ушунун негизинде кыргыздар ошол убакта деле, андан кийин деле Енисейде жашашкан деп болжоого болот.

«Улуу Хандардын тарыхынан» (биздин доорго чейинки 206–25-жылдар) бир аз көбүрөөк, бирок баары бир өтө аз география лык маалыматтарды табабыз, мунун автору Бань Гу биздин доорго чейинки 92-жылы дүйнөдөн кайткан. Биздин доорго чейинки I кылымдын экинчи жарымындагы окуялар жөнүндө баянда кыргыздар гянь-гунь деген ат менен эске салынат. Хуннд ардын падышалык кылып турган тукумунун өкүлдөрүнүн бири батышты көздөй, усунь элинин ээлеп турган жерлери менен коңшулаш өлкөнү көздөй көчкөн, бул жөнүндө автор хуннд ардын батыштагы коңшулары жана душмандары катары башка жерлерди да көп жолу эске салат. Усундардын өлкөсү жайгашкан жерди ал бир кыйла так аныктаган, анын борбору Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү аймакта болуп, батышта ал Фергана менен чектешип турган, чыгышта Эби-Нор көлүнөн чыгыш жактагы жана Шихо шаарынан батыш жактагы жерлерди ээлеп турган. Хунндардын жакындап келаткандыгы жөнүндө угуп, усундар аларга каршы 8000 адамдан турган кошунду жиберген. Бул кошунду хунндар усундар ээлеп турган жеринде эмес, андан ары чыгыш жакта талкалаган. Усундарды жеңип чыккандан кийин хунндар түндүккө, угэ элине каршы, андан ары батышты көздөй гяньгунь элине каршы, ал жерден түндүккө, динлин элине каршы жортуулга жөнөгөн. Бул «үч падышачылыкты» багындыргандан кийин хунндар көп учурда усундарга каршы аскерлерин жөнөтүп, аларды да йыма жеңип турган. Хунндардын башчысы бир канча убакыт Гяньгундардын өлкөсүндө жашап, андан кийин усундардын батыштагы коңшулары менен союз түзгөн, булардын ээлеген жери Фергананын түндүк-батышына чейин жеткен. Хунндар кангюлардын өлкөсүнө өтүү жөнүндө өтүнүчүн кабыл алып, жолдо келатканда зор жоготууларга учураган (аскерлерден 3000 адам гана аман калган), бирок алар кубаттуу падышачылыкты түзүп, усундардын үстүнөн зор жеңишке жетишет. Бул падышачылык биздин доорго чейинки 36-жылы кытайлар батышка жиберген аскерлер тарабынан талкаланып, хунндардын жол башчысы, падышачылыкты негиздеген адам өлүм жазасына тартылган.

Гяньгундун өлкөсү жөнүндө ал хунндардын борборунан батыш жактагы (Орхондогу же Толдогу) 7000 ли жерде (ли ал убакта үчтөн бир чакырымга барабар болгон) жана Чеши же Гусу аймагынан түндүк жактагы 5000 ли жерде, башкача айтканда, азыркы Турфан шаары турган Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгүндөгү аймакта болгон. Кийин биз мусулман географтары тарабынан Турфанга жакын жерден түндүккө карай Енисейдеги кыргыздардын өлкөсүнө кеткен жол да сүрөттөлгөндүгүн жолуктурабыз. Эгер кытайлар көрсөткөн аралык чындыкка жакын болсо, анда кыргыздар ал убакта Енисейде гана эмес азыр Кыргызнор көлү турган жерден түштүгүрөөк жакта да жашашкан. Менин билишимче, көл эмне үчүн мындай деп аталып калгандыгы жөнүндө азырынча маалыматтар жок. Жок эле дегенде Гяньгундун өлкөсү усундардын өлкөсүнөн чыгышыраак жакта жайгашкандыгын, хунн дардын Гянь-гунь өлкөсүнүн Кангюй өлкөсүнө карай жылгандыгы тууралуу баяндагы жаңылыштыктын аркасында усундар жөнүндө сөз болгон эмес экендигин окуялардын жүрүшү көрсөтүп отурат. Бул жолдо баратканда хунндар усундар тарабынан кырылгандыгында шек жок, Бань Гунун жаңылыштыгы биздин доорго чейинки Вэй династиясынын тарыхынын автору, биздин доорго чейинки III кылымда жазган Юй Хуанды да адаштырган. Ал Гяньгундун өлкөсүн Кангюйдун өлкөсү менен катар, анын үстүнө андан түндүк-чыгышта жайгашкан деп эсептеген. Динлиндердин өлкөсүн ал кангюйлардын өлкөсүнөн чыгышта деп эсептеп, өзүнүн жазганына өзү каршы келип, Гяньгундун өлкөсү башка эки «падышачылыктын» ортосуна жайгашкан деп эсептеген. Бул жаңылыштыктар де Гротту да адашууга алып келген.

Хунндардын кызматына өткөн кытай тегиндеги төбөл дөрдүн Гяньгунь өлкөсүнүн жана башка түндүк өлкөл өрдүн акимдигине дайындалгандыктары жөнүндө да айтылган, бирок бул маалыматтар булактардын так далилине негизделбеген болуш керек. Биздин доорго чей инки II кылымдын эң акырында хунндардын тарабына көчмөн тектеги төбөл, бирок кытайча билим алган жана кытайдын кызматында жүргөн Вэй Люй өтүп кеткен, ал Кытайдан хунндарга элчи катары жиберилген. Тан династияс ынын (618–907) XI кылымда жазылган тарыхында Вэй Люй динлиндердин падышалыгына такка отургузулган деп айтылган, бирок улуу хандардын тарыхында мындай ачык көрсөтүлгөн нерсе жок. Биздин доорго чейинки 99-жылы узакка каршылык көрсөткөн жана хунн дар талкалаган кытай полководеци Ли Лин хунндардын кызматына өткөн, ал хунндардын өлкөсүндө 74-жылы өлгөн. Андан кийин хунндардын төбөл дөрүнүн ичинен анын уулу жөнүндө маалымат бар. Котормого берилген эскерүүдө Иакинфте бул жөнүндө мындай деп айтылган: «Ли Лин хунндарда кала берип, Хягас жерин ээликке алган (Хягас – Тан династиясынын убагында айтылып жүргөн кыргыз деген сөздүн транскрипциясы), бул жерде анын укум-тукуму Чыңгыз хандын мезгилине чейин падышачылык кылган». Тан династиясынын тарыхынан кыргыз каганы деп эсептелген Ли Линдин тукуму гана белгилүү, ал 840-жылы уйгурлардын мамлекетин талкалап, 847-жылы өлгөн. Тандын династиясы Ли Линдин тукумуна таандык болгон соң, кыргыздардын каганы 841-жылдагы сүйлө шүүлөрдүн убагында Кытайды башкарып турган династиянын тууганы катары эсептелген. Анын ысмын падышачылыктын санжырасына киргизгиси келишкен, бирок кийин андан баш тартышкан, анткени: «Хягас Тандардын тукуму менен теңелүүгө кудуретсиз чакан уруу деп эсептелген.

Биздин доорго чейинки алгачкы беш кылымда кыргыз элинин тагдыры жөнүндө эч кандай маалымат жок болуш керек. Биздин доорго чейинки I кылымдын акырында хунндардын державасынын кулашы жана бийликтин кытайларда сяньби деген ат менен белгилүү болгон элге өтүшү кыргыздарга кандай таасир тийгизгендиги таптакыр белгисиз (Сяньбиликтерди ушул убакка чейин адетте тунгустар деп эсептеп келишкен. Профессор Пельо Ленинградда окуган лекциясында сяньби тилиндеги кытай сөздүгүнө таянып, аларды түрктөр деп атаган, басма сөздө бул сөздүк жөнүндө маалыматтарды мен жолуктура албадым).V кылымда гана түзүлгөн «Кенже Хандардын тарыхында» (25–220) сяньбилердин падышасы Таньшихай (181-жылы өлгөн) «Түндүктө динлиндерди токтотуп, батышта усундарды талкалап,  мурда хунндардын державасынын карамагындагы бардык жерлерди ээлеп алган» – деп айтылган. Динлиндер менен күрөш жөнүндө сөз Таньшихай динлиндердин түштүктөгү кошуналары кыргыздардын жерлерин ээлеп алган деп ойлоого алып келет. Ошол эле тарыхта динлиндер алардын түштүктөгү кошуналарынан көбүрөөк эске алынган ухуань эли кытайлар тараптан «чыгыш варварлары» деп эсептелген жана бир убакта Гоби чөлүнөн түндүк жактагы жерде хунндардын чыгыш жактагы кошунасы болсо керек. Ошол эле убакта кытайлар ухуандыктар кылмышкерлерди айдаган бул чөл динлиндерден түштүк-батышта жана усундардан түндүк-чыгышта жайгашкан деп айтышат. Мындан тышкары ичине динлиндер менен бирге ухуандыктар кирген биздин доордун башталышында кытайлар түзгөн аскер кошундары жөнүндө айтылган.

II кылымдан кийин динлиндер жөнүндө сөз жок, VI кылымда түркогуздарынын көчмөн империясы түзүлгөнгө чейин кыргыздар жөнүндө маалыматтар да жок.

II БАП

VI КЫЛЫМДАН IX КЫЛЫМГА ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗДАР

618-жылдан 907-жылга чейин башкарган Тан (Тан-шу) династиясынын тарыхынан бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларына караганда кыргыздар жөнүндө бир топ толук маалыматтарды табабыз. Кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсүн башка өлкөлөр менен кандай жолдор байланыштырып тургандыгы жөнүндө аларда биринчи жолу географиялык жактан так көрсө түлгөн. Кыргыз элинин өң түзүлүшү жана тили жөнүндө маалыматтар да биринчи жолу айтылган. Мындан тышкары, бул маалыматтар ошол эле мезгилде башталган араб географтарынын маалыматтары менен толукталышы мүмкүн. Эң акырында ошол убакта Монголияда үстөмдүк кылып турган түрктөрдүн Орхон дарыясында калтырып кеткен «Орхон» жазуулары деп аталган тарыхый жазууларында кыргыздар жөнүндө бир канча жолу эске салынгандыгы бөтөнчө маанилүү.

Кыргыздардын өлкөсүнө баруучу жол катары кытайлар Селенгадан «Кара тоолорго» же Таньмань тоолоруна чейинки жол жөнүндө баяндашат. Ф. Хирт сөз Саян тоолору жөнүндө болуп жатат деп болжолдойт. Бул тоолор Орхон жазууларында Кенгю-Тарман же Кенгю-Тарбан деген ат менен эске салынган. Жазууларга караганда бул тоолор түрктөр ээлеген жерлердин эң батышкы чеги болгон, анын үстүнө бул жөнүндө кыргыздар Кёгмен тоо лорунун ары жагында жашагандыгы жөнүндө айтылат. Акыркы атты Хирт Кюй (Цюй) мандын транскрипциясындагы башка бир кытай булагынан (VIII кылым) тапкан. Анын пикири боюнча Кюй-мань менен Таньмань түркчө айтканда Кёгмен менен Кенгю-Тарман бир эле ат экендигине ишенүү кыйын. Кёгмен тоолору кыргыздардын түштүк-чыгыш чеги, Кенгю-Тарман тоолору батыш чеги экендиги чындыкка жакын, биринчи учурда Саян тоо кыркалары, экинчи учурда Алтай жөнүндө сөз болуп жаткан болушу мүмкүн. Бирок Тан-шуда кыргыздардын өлкөсү түштүктөгү Таньмань тоо лоруна чейин жайылып жатат деп айтылган. Кёгмен тоолору аркылуу кыргыздарга баруучу жол түштүктөн, азыркы Турфандан кеткен жол катары мусулман географтары да эске салып кетет. Бул аймак менен Кёгмен тоолорунун ортосунда Кемизарт жана Манбек-Лу тоолору да болгон. Кёгмен тоолору аркылуу өткөндөн кийин кыргыз каганынын ордосуна чейин дагы жети күн жол жүрүү керек болгон. Мусулман географтары кыргыздардын өлкөсү аркылуу агып өткөн дарыя жөнүндө кеп кылбайт, кытайларда бул дарыя Гянь, башкача айтканда, Кем (Енисей) деп аталат, ТанШунун маалыматы боюнча кыргыздар «динлиндер менен аралашып кеткен». Ошол эле убакта алар сырткы түрү жагынан кытайлар бома деп атаган элге окшоп кетет деп айтылган (бома – «ала аттар» – бул элдин жылкысы ала болгон имиш деп айтылат). Бомалар түрк-огуздардын түндүк жагында жашаган, ал эми чынында ал жерде кыргыздар жашаган деп айтуу керек эле, анткени андан ары алар кыргыздар менен дайыма согушуп келген деп айтылган. Алардын жерин дайыма кар каптап, түндүгүндө деңизге чейин жеткен. Алардын сырткы түрү бомдорду сүрөттөөдө эмес, кыргыздарды сүрөттөөдө да: «Жээрде чач, кызыл жүздүү жана көк көздүү» – деп айтылган, азыркы убактагы кыргыздардын тибине окшогон («кызыл чач жана ак денелүү») ушундай эле белгилер XI кылымдагы Перси автору Гардизинин баянында айтылган, ал VIII кылымда жазган Ибн Мукаффанын (757-жылы өлгөн) жазгандарынан алган болуш керек. Ибн Мукаффанын сүрөттөөсү боюнча ал кыргыздарды славяндардын туугандарынан деп эсептеген. Кытайлар кыргыздар бомадан тили менен да айырмалангандыгын белгилейт, анда бир канча кыргыз сөздөрү (маселен, «ай» деген сөз) келтирилген, мындан кыргыздар ал убакта түрк тилинин наречиелеринин бири менен сүйлөгөндүгү көрүнүп турат. Мусулман авторлору да кыргыздарды тили жагынан түрк төргө таандык кылат.

Мына ушул айтылгандардын баарынан кыргыздар түрк төшүп кеткен Енисейлик остяктар болгон жана мурунку тилин сактап калган өздөрүнүн уруулаштары менен согуш жүргүзүп келген деп корутундулоого болот. Енисейлик остяктарда өздөрүнө «жогору жактан», башкача айтканда, түштүктөн кубаттуу килики элинин кол салгандыгы жөнүндө уламыштар сакталып калган, бирок бул уламыштар андан кийинки окуяларга тийиштүү болушу мүмкүн.

Бома эли саясий жактан биригүүгө жетише алган эмес, ар бир уруунун башкалардан көз каранды эмес өзүнүн акими болгон, ал эми кыргыздардын башында кытай тарыхында Ажо деген титул менен аталган жеке бийликтүү аким турган. Кытай булактарынан башка түрк булактарында да, башкаларда да бул титул жок. Профессор Н.Н. Козь мин аны 1701-жылдагы документтен билем деп ойлойт, анда «эзерлик бий Ожо» деген сөз эске салынган (эзерлер – кыргыз урууларынын бири). 1700-жылдагы документте Ботиажо деген ат жолугат, мында бул аттын экинчи бөлүгүн титул деп болжоого болот.

Кытайдын жана башка кээ бир батыштын (бөтөнчө византиялык) булактарынан биз VI кылымда өздөрүн түрктөр деп атаган элдин биринчи жолу жолукканын билебиз. Бул элдин башында эки бир тууган турган, аларды кытайлар Тумынь жана Шэдеми деп аташат. Бул бир туугандар бүт талааларды жана кытай чек арасынан тартып Византия менен Персиянын чек араларына чейинки кээ бир маданий аймактарды баш ийдирип алган. Тумынь чыгышта калып, Шэдеми батышка кеткен, бул жерде андан кийин анын тукумдары акимдик кылган. Тумынь 553-жылы өлгөн, Шэдеминин өлгөн мезгилин кытайлар көрсөткөн эмес. Шавани Шэдемин деген бул Дилзибул же византиялык булактар боюнча Сильзибул болгон деп далилдөөгө аракет кылат, ал 576-жылы өлгөн.

Орхон жазуулары Бумын (аны Буман деп да окууга болот) жана Истеми деген алгачкы түрк кагандары жөнүндө кыска сөздөр менен гана эске салат. Аларга баш ийген элдердин ичинде кыргыздар да болгон. Кытайлар кыргыздардын батыш-түрк каганы Дулуга баш ийгендиги жөнүндө гана айтат, анын келип чыгышы так аныкталган эмес. Шаван ал Шэдеминин (Истеминин) бешинчи муундагы тукумдары болгон деп болжолдойт. Дулу бир канча жолу талкалангандан кийин 650-жылы өлгөн, анын кубаттуулугу күчөгөн мезгил 638-жыл болгон, ошондо ага бома менен гегу, башкача айтканда, кыргыздар баш ийген. Бир канча убактар бою түрктөрдүн бийлиги кыргыздарга гана эмес, алардын түндүктөгү кошуналарына да таркаган. Кыргыздардын түндүктөгү аймагынын чеги кайсы жерден өткөндүгү, ошону менен бирге түрк тилинин таркаган аймагы так көрсөтүлгөн эмес. Бул суроого Таншунун сөздөрү жооп берет: «Бардык дарыялар (Енисейдин бассейнинин дарыял ары) Түндүк-Чыгышты көздөй агат. Хягасты айланып өтүп (Тан династиясынын убагында көбүрөөк колдонулуп келген кыргыз деген сөздүн транскрипциясы), алар биригип түндүктү көздөй агат», – деп айтылган. Бул сөздөр ар кандай түшүндүрүлүшү мүмкүн. Эгер кеп Енисейдин Енисейскиге жакын жерде Ангаранын куюлушуна төмөн жакта бурулгандыгы жөнүндө сөз болсо, анда кыргыз аймагынын чеги түрк элдеринин (революциянын убагынан бери өздөрүн хакастар деп атаган «Сибирь татарлары») азыркы этнографиялык чек аралары тунгустар менен болжол менен туш келер эле. Енисей остяктарынын аймагы эми бир кыйла жогору жактан, Анцыферова кыштагына жакын жерден башталат, бирок мурда алар бир кыйла түштүгүрөөк жакта жашагандыгы жөнүндө эскерүүлөр сакталып калган. Эгер Енисей Кандын куймасынан төмөнүрөөк жакта бурулгандыгы эске алынса, анда кыргыз аймагынын түндүк чек арасы (ошондой эле түрк тилинин таркалышынын аймагы) бир кыйла түштүгүрөөк жакта болор эле.

Кытайлар: «Мурда хягастардын мамлекети Сеянтьо тукумунун букаралыгында, ал жерде жогорку көзөмөлдүк үчүн өзүнүн гелифи болгон» – деп айтышат. Гелиф деген сөз, азыр далилдеп жатышкандай, орхон жазууларында жолуккан түркчө эльтебер деген титул. Саясий мааниси жагынан жазуулар элдердин эки тибин: башында эльтебер (эльтеберлиг будун) жана башында каган турган (кагандык будун) деп айырмалайт. Эльтебер деген титул каган деген титулдан төмөн турган жана өз алдынча саясий турмушу болбогон чакан элдердин акимдерине берилген.

Сеянтьо тукуму түрктөрдүн таасирдүү тукумунун катары на кирген, анын үстүнө кытайлар: «Сеян тьонун тукуму эки урууну – Се жана Яньто тукумдарын түзгөн» – деп айтышат. Бул аттарды түркчө сир жана тардуш деген сөздөрдүн транскрипциясы катары түшүндүрүүгө аракеттер болгон, «Сир» деген сөз «түрк сир будун» деген сөздөрдүн айкалышында бир гана жазууд а жолугушат, анын үстүнө «сир» деген сөздү энчилүү ат же жалпы ат катары түшүнүү керек же керек эместиги жөнүндө тексттен билинбейт. Тардуш деген сөз түрк элинин эки башкы канатынын биринин аты катары өтө көп жолугушат, анткени Хирт сунуш кылган сеянтьо деген сөздүн түшүндүрүлүшү шек туудурат. Томсенге таандык болгон орхон жазуулары жөнүндө жаңы эмгекте ал кабыл алынган эмес.

Сеяньтонун муундары жөнүндө Тан-шунун главасында кыргыздар жөнүндө сөз жок. Төмөндө келтирилген маалыматтарга караганда, Чыгыш Монголияда Сеянтьонун жогорулашы батыш түрк каганы Дулунун кубаттуулугунун жогорулашынын мезгилине туш келет, демек, кыргыздар ошол эле убакта чыгыштан да, батыштан да түрк-огуздарынын эки канаты тарабынан кол салууга дуушар болушу ыктымал. Сеяньто биринчи жолу VII кылымдын башында бир убактарда жеңишке жетип жүргөн батыш түрк каганы Чулонун талкаланышына байланыштуу жогорулаган. 611-жылы Чуло Кытайга кетип калууга аргасыз болгон. Бул убакта Сеяньто башка түрк элдери менен, кыргыздардын түштүк-чыгыш жактагы коңшулары Селенгадан батыш жактагы аймакты ээлеп турган уйгурлар менен союздашып согушкан, андан кийин алардын ортосунда араздашуу болуп, 629-жылы Сеяньтонун акими Доми уйгурлардын акими Тимуду менен болгон согушта каза болгон. Андан мурдар аак батыш түрктөрдүн каганы Шегуйдун бийлиги жогорулаганда Сеяньтонун акимдери каган болуудан баш тартышкан. Бул дооматты кийинчерээк адегенде чыгыш-түрк каганы Хелиге (620–630) баш ийген, кийин аны талкалагандан кийин Чыгыш Монголиядагы эң күчтүү адам – 645-жылга чейин башкарган аким Инань кайрадан баштаган. Бул Сеяньтонун эң күчтүү болуп турган мезгили болуш керек, мына ушул эле мезгилге алардын кыргыздарды багд ийдирип алган мезгили туш келет. Инань өлгөндөн бир канча жыл өткөн дөн кийин анын тагына отурган адам уйгурлар менен болгон согушта каза болгон. Жонунан Кытайга баш ийген, бирок өз ээликтеринде өзүн каган деп айтып келген уйгурлардын акими Тумиду 648-жылы өзүнүн аталаш иниси Угэнин колунан каза болгон. Угэ жана анын бийлигин уланткандар эми эч кандай мааниге ээ болбой, кыргыздар өз алдынча бийлик жүргүзө алган. 648-жылы, башкача айтканда, Тумиду өлгөн жылы, Инань өлгөндөн кийин 3 жыл өткөндө батыш-түрк каганы Дулунун кубаттуулугу төмөндөгөн соң кыргыздар Кытайга биринчи элчилигин жөнөткөн.

Кытай бул убакта өтө кубаттуу болгон, мурда түрк империясынын чыгыштагы (630-жылдан тартып), ошондой эле батыштагы (658-жылдан кийин) канаттары кирген бүт жерлер жонунан ага баш ийген. Үстүртөдөн болсо да кыргыздардын өлкөсү Кытай империясынын ичине кирген, анын үстүнө кытайча мурунку Гяньгунь деген аты калыбына келтирилген. Чындыгында, бул талаа ларда бардык жерде мурунку хандар менен акимдер бийлигинде кала берген, бирок алар эми кытай губернаторлору катары эсептелип, кытай чиндерин алып Яньжань шаарында жашаган кытайдын акимине баш ийген. Кыргыздардын өлкөсүндө «аким» катары Шибокуйлардын уруу аксакалы Ачжень такка отургузулган, ал кытай сарайына өзү барып келген. Кыргыздардын Кытай менен карым-катнашы 758-жылга чейин, башкача айтканда, алардын өлкөсүн уйгурлар басып алганга чейин улантылган. 650–683-жылдардагы мезгилде эки элчилик барган, анын бирөө 705–711-жылдардагы мезгилде жана төртөө 713–755-жылдарда болгон. Мында кытайлар VII кылымдын акырындагы жана VIII кылымдын башындагы окуяларга кыргыздар кандай катышкандыгы жөнүндө сөз кылбайт. Бул жөнүндө маалыматтарды биз ошо мезгилдеги Монголиядагы түрк жазууларынан гана таба алабыз.

Бул табылган жазуулардын мазмуну – 680-жылдан кийин чыгыш түрктөрдүн кытай эзүүсүнөн кутулушуна жана чыгыш-түрк кагандыгынын калыбына келтири лишине байланыштуу окуялар. Кытайлар Мочжо деп атаган кагандардын бири (ал 692 же 693-жылдан тартып акимдик кылып, 716-жылы өлгөн) бир кыйла кыска мезгилге өзүнүн бийлигин батыш жакка тарката алган, дегинкисин ал өзү, анын бир тууганы жана кагандыкты калыбына келтирген мурдагы аким (кытайлар аны Гудулу деп аташат) кытайларга гана эмес, түрк кагандарына да каршы согушкан, алар жаңы кагандарга каршы өз ара, ошондой эле кытай менен союз түзүп келген. Жазууларда Ильтерес (Томсендин окушу боюнча – Эльтериш) каган деп аталган Гудулунун душмандарынын арасында кыргыздар жөнүндө баян бар. Бирок кыргыздарга жана дегеле батыштагы элдерге каршы согуштун эч кандай маан иси болгон эмес. Ильтерестин же Мочжонун (буга жаз уулардын биринде Капаган каган деген титул берилгендиги айтылат) убагында келишимге жетишип, буга ылай ык кыргыздардын акими Барсбекке кагандык наам берилип, ал Ильтерестин кызына үйлөнгөн. Ильтерестин жана анын ордун баскандардын башкы кеңешчиси Тон-ёкуктун атынан түзүлгөн жазууда Ильтерес каганды түндүктүн, чыгыштын жана түштүктүн (кытайлардын) кошундарына каршы күрөшү жөнүндө гана айтылган. Огуздардын башка бир бөлүгүнүн башында турган түндүктүн акими Баз каган башкы душман катары эсептелген, ошол эле убакта Мочжонун акимдик кылган убагында кыргыздарга жана Барсбекке каршы күрөшкө зор маани берилген. Түрктөрдүн салты боюнча хандардын жана баатырлардын бейитинин башына алар өлтүргөн душмандардын сүрөтү коюлган, Ильтерес кагандын бейитинин башына биринчи орунга Баз кагандын сүрөтү, Мочжонун же Капаган кагандын бейитинин башына кыргыздардын каганынын сүрөтү коюлган.

Тон-ёкуктун жазууларында чыгыш түрктөрүнө каршы үч «кагандын»: кытай, батыш-түрк (ал убакта батыштүрктөрүнүн башында төргөштөрдүн уруусу турган) жана кыргыз кагандарынын коалициясы жөнүндө айтылган. Мына ошентип бул жолу коалицияга кытайлардан тышкары батыштын элдери гана катышкан. Тон-ёкук кыргыздарга кол салмак болгон. Бул согуш 710–711-жылдарда болсо керек, жазууларда салгылашуу жана мында кыргыздардын талкалангандыгы жөнүндө кыскача гана айтылган. Кёгман, башкача айтканда, Саян тоо кыркалары аркылуу ашуулардан өтүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө бир кыйла толук айтылат. Бул тоодо бир гана ашуу болгон, аны бул убакта кар басып калган, азо элинен чыккан бир адамдан Тон-ёкук Ана дарыясынын боюнда аттар чубап өтө турган дагы бир кууш жол бар экендигин билген. Тон-ёкук ушул жол менен бармак болот, кошун Актермель деген жерге чогулуп, ал жерден күрткүнү кечип жөө өтүшкөн. Алдыда бара жаткан кол карды жиреп, анын артынан кошун жөнөгөн. Ыбар ашуусун ушинтип өтүшкөн. Дагы он күн өткөндөн кийин ушундай эле кыйынчылык менен, ушундай эле терең кар кечип ашуудан түшүшкөн. Жол көрсөтүүчүнү алдамчы деп эсептеп, аны өлтүрүп салышкан. Ана дарыясына жеткен соң кошун аттарына минип, кыргыздардын өлкөсүн каптап кирген, ошентип алар күтпөгөн жерден душмандарына кол салган.

Дагы бир жазууларга караганда, салгылашуу Сонга (же Сунга) тоолорунда болгон, түрктөр кыргыздардын каганын өлтүрүп, алардын мамлекетин каратып алган. Башка ийгиликтери сыяктуу эле Мочжо бул жеңип алган жерлеринен бачым эле ажыраган. 731-жылы Ильтерес кагандын уулу ханзада Күлтегиндин жана ал убакта такта отурган Бильгер кагандын бир тууганынын ашында кыргыздардын каганы – Тардуш – Ынанчу-чурдун элчиси да болгон.

Түрктөрдүн аскерлеринин кыргыздарга каршы жортуулу жөнүндө баянды териштирүү үчүн адегенде Саян тоо кыркаларынын ашуулары менен жакшылап таанышуу керек. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин Енисейди бойлото өйдө карай кеме барып токтогон Означенная кыштагынан Усинское кыштагына чейин араба жол салынган. Бул жол 1870-жылы Г. Н. Потанин өткөн жолго келип кошулушу керек. Бул жол боюнча ал мамлекеттик чек ара катары эсептелген Хатын-Арка ашуусу аркылуу 18-сентябрда катуу бороондун убагында Ижим дарыясынын өрөөнүндө, ал жерден Енисейдин оң куйма сы болгон Уса дайрасынын «өрөө нүнө түшкөн. Байыркы Означенная азыр Уса дайрасынын чатында турат. Аны менен Усанын чатынын ортосундагы аралык кеме жүрүү үчүн өтө коркунучтуу жер болуп саналат. Потанин Усанын кыштагынан Минусинскиге кеткен үч жолду: «Саян тоо кыркаларынын тик тоолору аркылуу өткөн», «Салт атчан жайкы үч айда гана өтүүгө боло турган ашуулар» – деп сүрөттөп жазып калтырган. Уса дайрасы жана Енисей дайрасы боюнча кышкы жол да бар, балким, түрктөр ушул жолду пайдаланган болушу мүмкүн. «Аны» деген сөз бул учурда Енисейди түшүндүрүшү мүмкүн, мындай аттын башкача аталышын биз билбейбиз. Түрк жана татар публицисттеринин «Енисей» деген сөз түрк тилинен келип чыккан (Ени чай – «Жаңы суулар») деп түшүнд үрүүгө жасаган аракеттерине карабастан, тунгустарда Ионеси («Чоң суу») деген ат бар жана бул түрк элдеринин бири тарабынан да колдонулбайт.

Түштүк-батыш тараптан кыргыздардын жергеси ал убактагы өздөрүнүн союздаштары, батыш түрктөрдүн башында турган тергештердин түздөн-түз ээлигине тутумдаш жаткандыгы жөнүндө жазууларда сөз жок. Тергештерге каршы жортуулга чыгуудан мурда Тон-ёкук өзүнүн кошуну менен кыргыздардын жергеси аркылуу Саян тоо кыркаларынын түштүк тарабына кайрадан өткөн. Кыргыздар менен кошо аза эли бир канча жолу айтылган, бир жерде азалар тергештер менен бирге жашайт, демек, кыргыздардан түштүк-чыгыш тарапта, Саян тоо кыркалары менен Алтайдын ортосунда жашаган деп айтылган. Кыргыздар менен кошо чик эли жөнүндө да айтылган, түрктөр кыргыздарга каршы жортуулга чыгардын астында 709-жылы эле бул элге каршы жортуул жасаган, мында Саян тоо кыркалары аркылуу эмес, Кем дарыясы аркылуу өткөндүгү жөнүндө сөз бар. Демек, чиктер бул тоо кыркасынан түштүк тарапта, Енисейдин куймаларында жашаган болуш керек. Кыргыздардан чыгыш тарапта жана уйгурлардан түндүк тарапта анчалык чоң эмес көлдүн (Косогол) түштүгүндө, кытай маалыматтарына караганда, дубо деген эл жашаган. Балким, бул уруулар ошол убакта эле түрктөшүп кетиши мүмкүн, алар лыжа менен жүргөндүктөн «жыгач атчан түрктөр» деп аташкан. Гянь-Хай көлүнүн жээгинде (Иакинфтин пикири боюнча Байкалдын) кыргыздар менен тутумдаш дахань жана гюй элдери жашаган. Кыргыз мамлекети чыгышта гулигань элинин аймагына чейин жеткен, бул эл орхон жазууларында курикан деп аталат. Иакинфтин которгонуна жана түшүндүргөнүнө караганда курикандар Байкалдын түндүгүнөн тартып Муз океанына чейин, Шавандын котормосу боюнча чөлдөн түндүктү карай жана Байкалдан түштүккө карай кеткен жерде жашаган. Эмнеси болсо да кыргыздардын жашаган жери Байкалга чейинки кеңири аймакта болгон, ошондуктан кыргыздар түрк-огуздар күчүнө келип турган доорунда алар менен атаандаша алган болуш керек. Ильтерес кагандын кызын кыргыздардын каганына бергендиги жөнүндө факт жок, бирок түрктөрдүн падышалык кылган тукуму адетте өзүнүн кыздарын кыргыздардын уруу башчыларына берип тургандыгы жөнүндө кытай жазуулары баяндайт.

Чыгыш Монголиядагы бийлик түрк-огуздардан уйгурларга өткөндөн кийин кыргыздардын абалы начарлай баштаган. 734-жылы Бильге кагандын атынан түзүлгөн жазууда түрктөрдүн падышачылык кылган тукуму өздөрүнүн кубаттуулугу узакка камсыз болду деп эсептешкендиги айтылган. Уйгурларга ушунчалык аз көңүл бурулгандыктан, бул элдин аты жазууларда бир гана жолу жолугат. Ошондой болсо да 745-жылы Бильге каган өлгөндөн кийин он бир жыл өткөндө Чыгыш Монголияда түрктөрдүн бийлиги кулап, алардын ээлеген жерлери уйгурларга өткөн.

Тан-шудагы кыргыздар жөнүндө баянда алар 758жылы уйгурлар тарабынан жеңилгендиги айтып, уйгурлар жөнүндө баянда бул окуя жөнүндө айтылган эмес. 758-жылы кытайлар Гэлэ-хан Мояньчжо (745–759) деп атаган уйгур каганы башкарган, ошол эле 758-жылы анын элчиси Кытайдын борборунда араб элчиси менен кадырбарк жагынан атаандашкан. Бул каганга Селенгага жакын жерде табылып, 1913-жылы финляндия лык окумуштуу Рамстед тарабынан басылып чыгарылган өтө бурмаланган түрк жазуусу арналган болуш керек. Анда баяндалган окуялар 757-жылга чейин жеткирилген, бирок андан уйгурлар 750-жылдарда эле чиктер жана кыргыздар менен кагылышкандыгы жөнүндө көрүнүп турат, анын үстүнө мында кыргыздардын ханы жөнүндө баян бар.

Андан бир кыйла кечирээк мезгилге, VIII кылымдын акырында уйгурлардын өлкөсүндө жашаган кыргыз тегиндеги аким түзгөн жазуу таандык, аны да Рамстед басып чыгарган. Жазууда анын насаатчысы жөнүндө сөз бар, анда сириялык «мар» – «мырза» деген сөз колдонулган, мындан Рамстед ошол убакта уйгурлардын өлкөсүндө жайылган алдыңкы азиялык-манихей динин кабыл алган деген корутунду чыгарат.

Эгер кытайлар 758-жылы кыргыздарды уйгурлардын багындырып алышы биротоло болгон деп эсептешсе, бул 758-жылдан кийин Кытайга кыргыз элчилигинин келбей калгандыгы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Кыргыздардын уйгурларга каршылык көрсө түшүнүн улантылып жаткандыгы жөнүндө 808-жылдан 821-жылга чейин акимдик кылып келген башка бир уйгур каганынын падышалык кылгандыгына тийиши бар кытай тилиндеги жазуулардан көрүнүп турат. Бул кагандын убагында уйгурлар менен Гянь-Гунь падышачылыгынын, башкача айтканда, өтө кубаттуу кыргыздардын ортосунда кайрадан согуш болгон. Уйгурларда жаа менен куралданган 400 000ге чейин кошун (ал эми Тан-шунун жазганына караганда, кыргыздарда бар болгону 80 000 кошун) болгон имиш. Бул жолу кыргыз мамлекети биротоло талкаланып, мамлекет катары өзүнүн жашоосун токтоткон деп айтылат, бирок Тан-шуда, кыргыздардын жаңы каганы чыккандыгы жана анын уйгурларды 840-жылы толук жеңип чыккандыгы жөнүндө, өзү жеңишке жеткенге чей ин бул каган «жыйырма жыл бою уйгурларга каршы согушту уланткандыгы» айтылган. Мындай болсо, кыргыздардын уйгур каганына баш ийишине мезгил калбайт.

Иакинфтин котормосу боюнча Тан-шуда кыргыз акими уйгур каганынан Пицьсе Тунге Гинь деген титул алган, мында каган деген сөз кошулган эмес. Ошентип кыргыздардын жеңилиши кагандыкты жана көз каранды эместикти жоготууга алып келгени менен, мамлекеттик өз алдынчалыкты жоготууга алып келген эмес. Эгер ыңгайлуу кырдаал болгондо кытайлар атагандай кыргыздардын ажосу талкалангандан кийин көп убакыт өтпөй өзүнүн батыштагы союздаштарына таянып, уйгурларга каршы күрөштү жана кагандыкка дооматын кайра баштай алмак. Ал өзүн хан (каган) деп жарыялап, тергештердин тегинен чыккан жесир энесин, аялын – карлук падышасынын кызын ханыша деп атагандыгы айтылган. VIII кылымда батышка кетип, ал жерде борбору Чүй суусунун боюнда болгон мамлекетти 766-жылдан кийин түзгөн Карлуктар кийин да кыргыздардын коңшулары жана союздаштары болбогондугу жөнүндө маалыматтар дайыма жолугат. Бирок тергештер жөнүндө сөздүн болушу негедир түшүнүксүздөй көрүнөт, анткени тергештердин кагандыгы 740-жылга жакын эле арабдар тарабынан талкаланган болучу. 756–57-жылдардан кийин тергештер эч кандай саясий мааниге ээ болгон эмес.

Уйгурлар менен согуш 840-жылы кыргыздардын жеңиши менен аяктаган, ошол жылы кыргыздар Орхондогу уйгурлардын борборун (азыр Харыбамызанын урандылары) алган. Кыргыз каганынын Енисейдеги ордосунан бул шаарга чейинки аралык төө менен 40 күндүк деп эсептелген. Мында 832-жылдан бери акимдик кылып келген уйгур ханы өлтүрүлгөн. Бирок кыргыздар уйгурларды биротоло баш ийдире албады, өздөрүнүн ордосун жоготкондугуна карабастан 841-жылы уйгурлардын жаңы каганы болуп Уге такка отурган, ал өзүнүн душмандары менен 847-жылга чейин согушуп, козголоң чыгарган букараларына каршы согушта каза болгон. Мына ушундан кийин уйгурлардын бир бөлүгү Монголияны жеңип алган кыргыздардын букаралыгына өтүп, бир бөлүгү түштүккө кетип, өздөрүнүн эки хандыгын – бирөөнү Турфан аймагында, экинчисин Ганьчжоу аймагында түзүш көн. Монголиядагы үстөмдүк кыргыздардын колуна өтүп, мунун натыйжасында алардын мамлекети Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндөгү эң күчтүү көчмөн державага айланган.

III БАП

IX ЖАНА X КЫЛЫМДАР. КЫРГЫЗДАРДЫН

УЛУУ ДЕРЖАВАСЫ

Монголияны кыргыздардын жеңип алышы Орто Азиянын тарыхында Батыштан Чыгышты көздөй басып алуу кыймылынын сейрек учуру болуп саналат, анткени бүт басып алуу кыймылдары чыгыштан батышты көздөй болгон. Кыргыздардын ханы өзүнүн ордосун уйгурлардын Орхондогу борборуна көчүрбөсө керек. Өзү жеңишке жеткенден кийин ал Лаошань же Думань тоолорунун түштүк жагына, уйгурлардын мурунку борборунан ат менен он беш күндүк жерге көчүп барган, мында Танну-Ола тоосу жөнүндө сөз болуп жатышы мүмкүн. Согуштун жүрүшү жөнүндө кумдуу чөлдөн түштүктү карай 70 000 аскер катышкан жортуул гана белгилүү, мында кыргыздардын ханы жеңишке жетишкенден кийин уйгурлардын бир бөлүгүн өзү менен кошо ала кетип, түндүк жакка кайра кайтып келген.

Уйгурлардан жана андан мурда Кытайга көп жолу кол салып келген огуздардан айырмаланып, кыргыз хандары башынан эле Тан династиясы менен достук мамилелерди түзүүгө аракеттенген. Уйгурлардын борборун алганда алар ал жерде Кытайдын ханышасы Тайхэни колго түшүрүп, кошундардын коштоосу менен аны кайра Кытайга жөнөткөн. Бул кошунга уйгурлардын Уге каганы кол салып, ал ханышаны кайра туткунга түшүрүп алат, ханыша уйгурлардын туткунунан 843-жылы гана бошотулат. Кыргыздардын каганы теги кытай Ли Линдин тукуму катары өзүн ошол эле Ли тукумунан чыккан Тан династиясынын туушканы катары эсептегендигин көрүп отурабыз. Кыт ай императорлору адегенде жаңы туушкандарын өз туку му катары эсептегиси келген, бирок император Сюань-цзунду (847–859) «Хагас Тандардын тукуму менен теңелүүгө кудуретсиз чакан уруу» экендигине ынандырышкан. Бул маселе жогорку даражалуу төбөлдөрдүн жыйынынын чечимине коюлган, жыйын «уйгурлар күчтүү болуп турганда мындай грамоталар аларга да берилип турган, бирок тилекке каршы, алар эми кулады, болочоктогу бейкуттук үчүн кыргыздарды күчөтүп жиберүүнүн кереги жок» деген чечимге келген. Мындай чечимге карабастан кыргыздардын кытай менен карым-катнашы улантыла берген, кийинки император И-цзун (860–873) падышалык кылып турган убакта ал жерге кыргыздардын үч элчилиги барган. Уйгурларды жеңип чыккан хан 847-жылы эле, башкача айтканда, анын башкы душманы Уге дүйнөдөн кайткан жылы өлгөн, Тан-шуда анын эң жакын ордун басуучусунун аты жана титулу келтирилген, бирок ал жөнүндө, андан кийинки кыргыз хандары жөнүндө эч кандай маалыматтар айтылган эмес.

Дегеле кыргыздардын улуу державасынын доорундагы Орто Азия жөнүндө Кытай маалыматтары өтө аз. Жогоруда айтылган котормолордон тышкары кыргыздар жөнүндө Тан-шунун маалыматтары В. Шоттун макаласына (1865) чогултулган, бул кабарларда өлкө менен элдин сүрөттөмөлөрү берилген, бирок 847-жылдан кийинки кыргыздардын тарыхы боюнча эч кандай маалыматтар берилген эмес.

Кыргыздар менен мусулмандардын ортосундагы карым-катнаштар жөнүндө кытайларда да маалыматтар бар, алардын айткандарына караганда, кыргыз мамлекети дашилер (ал убакта арабдарды атагандай тажиктер), туфандар (тибеттер) жана гэлолу (карлуктар) менен дайыма достук байланышта болгон. Арабдардын (дашилердин) өлкөсүнөн кыргыздарга ар бир үч жылы алтын жип менен согулган жибек кездемелер жүктөлгөн 20 төөдөн турган кербен келип турган, кээде төөлөрдүн саны 24кө жеткен. Бирок Тан-шуда бул кербен кандай жол менен баргандыгы айтылбаса керек. Клапротта арабдардын кербенине тибеттер жөнүндө Тан-шуда айтылгандар таандык кылынган: уйгурлардын талап-тоноп алышынан коркуп, тибеттиктер карлуктардын өлкөсүнө барганда, ал жерде узатуучуларды күтүшкөн. Иакинфтин түшүндүргөнүнө караганда, бул коштооч уларды аларга карлуктар, ал эми Шоттун түшүндүрүүсү боюнча кыргыздардын өздөрү берип турган.

Кыргыздардын арабдар, тибеттиктер жана карлуктар менен достугу жөнүндө баяндан кыргыздар ал түгүл өзүнүн улуу державалык доорунда да Орто Азиянын батыш бөлүгүндө болуп жаткан согуштарга кийлигишпегендиги жөнүндө корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Белгилүү бир мезгилге чейин алардын душмандары уйгурлар гана болушу мүмкүн, анткени алар 860-жыл менен 873-жылдын ортосундагы мезгилде азыркы Кытай Түркстанын Кара-Ходжа (азыркы Турфандын жанында) жана Бишбалык (кытайча Бейтиж, азыркы убактагы Гучэндин жанында) шаарлары менен кошо басып алган болчу. VIII кылымда бул жерде андан мурда жашагандар башка түрк элдери, адегенде басмылдар, андан кийин түркогуздар болгон, аларды арабдар – тугузгуздар (түркчө токуз-огуз, огуздардын тогуз урууга бөлүнгөнү боюнча) кытайлар – шато (алар бир канча убакыт бою жашаган чөлдүн аты боюнча) деп аташкан. 794-жылы бул аймакты тибеттиктер басып алып, IX кылымдын башында ал жерде жашаган түрктөр Кытайдын чегинен сүрүлүп чыгарылган. Ошентип бул жерде уйгурлар түрктөргө эмес, тибеттиктерге туш келген. Ал убакта огуздарга таандык болгон бул жер менен таанышкан арабдар андан кийинки болгон өзгөрүүлөр жөнүндө билбей, жергиликтүү калк ты тугузгуздар деп атай бериши мүмкүн. Махмуд Кашкарий гана XI кылымда «тугузгуз» дегендин ордуна бардык жерде «уйгур» деп жазган, анткени ал араб тилинде жазган бирден бир автор болгон жана Орто Азия жөнүндө китептер боюнча эмес, өлкө менен өзү таанышкандыгынын негизинде айта алган. Монголияда уйгурлар менен огуздардын ортосундагы күрөштөн кийин уйгурлардын ичине огуз элинин бир бөлүгү кирген, жазуусун Рамстед басып чыгарган VIII кылымдын ортосундагы уйгур ханы өзүн эми Кытай маалыматтарына караганда, уйгурлар тогуз урууга бөлүнгөн, монгол мезгилин жазган тарыхчы Рашид ад-дин он уйгурлар менен катар тогуз уйгурларды да билген. Жок эле дегенде Рамстед басып чыгарган жазуулар уйгурлардын ханы баарыдан мурда өзүн уйгур элинин акими катары сезгендигин көрсөтүп отурат, эгер арабдар Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгү менен уйгурлар жашап жаткан убакта биринчи жолу таанышкан болсо, анда арабдардын географиялык адабиятына тугузгуз деген ат эмес, уйгур деген ат кирип калган болор эле. Мунун натыйжасында тугузгуздар жөнүндө араб маалыматтары уйгурларга тийиштүү экендигин, ал эми кандай маалыматтары алардан мурдагыларга таандык экендигин чечүү өтө кыйын, мындан тышкары географиялык мусулман адабиятында Орто Азия жөнүндө башка маалыматтарды белгилүү санжырага такоону да кыйындатат. Мусулман географтары өзүнүн маалыматтарын өздөрү атын атабаган китептерден алышкан, азыркы учурда эмес, качандыр бир убактарда, ал түгүл бир канча кылым мурда айтылгандыгы жөнүндө окурманды эскертпестен туруп маалым беришет. Бул, албетте, кыргыздар жөнүндө сөз болгон маалыматтарга да тийиштүү (ошол убактагы араб жана парс авторлору хирхиз, дегеле ал убактагы түркчө «к» тамгасын «х» тамгасы менен жазышкан, маселен «харлук», парс авторлорунда карлук дегендин ордуна харлук деп жазышкан). Эгер бизге бул чыгарма канчанчы жылы жазылгандыгы белгилүү болсо да, анда баяндалган фактылар кайсы мезгилге тийиштүү экендигин эч кандай түшүндүрө албайт.

XI кылымда жазган Гардизиден тышкары перс тилинде жазылган «Дүйнөнүн чектери» (худуд ал-илам) деген авторсуз эмгек кызык маалыматтарды берет, ал хижаранын 372-жылы, башкача айтканда, биздин доорго чейинки 982 же 983-жылы жазылган. Бул чыгарма маркум А.Г. Туманский тарабынан 1892-жылы Бухарада табылып, жалгыз гана кол жазма түрүндө бизге жеткен. Кийинчерээк бул эмгек орус илимий адабиятында адетте «Туманскийдин кол жазмасы» деген ат менен белгилүү. Бул булакка караганда, кыргыздар тугузгуздардын түндүк гана эмес, батыштагы да коңшулары болгон. Ошол эле автор Пенчула шаары жөнүндө (анын айтылышы толук аныктала элек, Кытай транскрипциясы боюнча Выньсу өзүнүн жайгашкан орду жагынан азыркы Үч-Турфанга туура келет), ал карлуктардын жергесинде болгондугу жөнүндө кабарлайт. Анын акими мурда тугузгуздарга көз каранды болгон, «эми» бул шаарды кыргыздар ээлеп тургандыгы жөнүндө кабарлайт. Арабдар тугузгуздар менен карлуктардын ортосундагы согуштар жөнүндө, мында артыкчылык мурда тугузгуздар тарабында болгондугун, андан кийин тугузгуздар манхей динин алгандан кийин (балким, бул дин Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгүндө Монголиядагы уйгурлардан мурда кабыл алынышы мүмкүн) ийгилик карлуктар тарабына өткөндүгү жөнүндө баяндайт, бирок Туманскийдин кол жазмасына таянып, тугузгуздар карлуктардын жерлеринин бир бөлүгүн тартып алган, тугузгуздардын ичинен чыккан ягма элине Кашкар жана Нарындан түштүктө жаткан Жети-Суу аймагынын бир бөлүгү таандык болгон. Кашкар жөнүндө ал ягма элинин, кыргыздардын, тибеттиктердин жана кытайдын ортосундагы чек ара болгондугу айтылган.

Туманскийдин кол жазмасынын кабарларында орто азиялык элдердин ортосундагы чек аралар жөнүндө анчалык толук маалымат берилген эмес. Кыргыздар жө нүндө главада алардын түштүктөгү коңшулары тугузгуздардан тышкары карлуктардын бир бөлүгү болгон деп айтылган, бирок карлуктар жөнүндө главада бул элдин коңшуларынын арасында кыргыздар жөнүндө сөз жок. Анын эсесине кыргыздар башка жети суулук эки элдин – чигилдер менен тухсийлердин кошуналары катары атал ган. Чигилдер Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, төргештердин бир бөлүгүн (төргештердин башка канаты катары жогоруда аза эли аталып кетти) түзгөн тухсийлер Чүй дарыясынын өрөөнүндө жашаган.

Мына ушулардан кыргыздар өздөрүнүн улуу державалык доорунда аймагын түштүк-батыш жакка кеңейткен деген корутунду чыгарууга болот, бирок качан жана кандайча болгондугу жөнүндө бул булактарда эч кандай маа лыматтар жок. «Эми» деген сөз Туманскийдин кол жазмасында, жок эле дегенде андан мурдагы булактардан алынган жана кыргыздар өзүнүн бир аз убакытка кубаттуулугун жоготкон учурдагы автордун мезгилине туш келтирилиши мүмкүн эмес. Кыргыздар менен башка элдердин карым-катнаштары жөнүндө дегеле эчтеке айтылган эмес. Тан-шунун маалыматына караганда, кыргыздарга арабдан гана эмес, Кучадан жана Бейтинден, башкача айтканда, уйгурларга таандык болгон Бишбалыктан кездеме келип турган. Мына ушундан уйгурлар менен келишим түзүлгөн деген корутунду чыгарууга болот. Муну Гардизинин жогоруда келтирилген сөзүнө караганда, тугузгуздардын аймагынан Енисейдеги кыргыз каганынын ордосуна чейинки жол Кёгмен тоолорунан же Саян тоо кыркаларынан түндүккө карай 7 күндүк жолду ээлеген. Бул – мусулмандардын адабиятында жазылып кеткен кыргыздарга баруучу бирден бир жол. Дегинкисин арабдар кыргыздарды тугузгуздардын жана бир жагынан карлуктардын түндүктөгү коңшулары жана четки түндүк-чыгышта жашаган эл катары билишкен. Арабдардын элестетүүсү боюнча кыргыздар ээлеген жер чыгышта океанга чейин жеткен.

Ислам аймактарынан түндүк-чыгыштагы чөлдү көздөй эки жол кеткен – бирөө Сыр дарыянын чатынан, экинчиси Талас өрөөнүнөн (азыркы убактагы Олуя-Ата) башталган. Эки жол тең кимак элинин аймагына алып келген; анын борбору Иртыштан түндүк жактагы жерде болгон. Кыргыздардын батыштагы коңшулары кимактар кытайларга дегеле белгисиз бойдон калган жана биринчи жолу мусулман адабиятында гана эске алынат. Кимактар өлкөсүнөн кыргыздар өлкөсүнө ислам жергесинен кимактарга кеткен жолдун уландысы катары соода жолу болгондугу жана бул эки элдин ортосундагы мамилелер дегеле кандай болгондугу жөнүндө маалыматтар такыр жок. Кыргыздар сыяктуу эле кимактар тили жагынан түрктөр болгон, кимактар өлкөсүндөгү бир жер жөнүндө Туманскийдин кол жазмасында ал жердеги адамдар кыргыздардын салтын жолдойт деп айтылган. Кимактар кыргыздардан мурда өздөрүнүн саясий биримдигин жоготкон болуш керек, бирок Туманскийдин кол жазмасында кимактардын каганы жөнүндө сөз бар, элдердин башкы массасынан эрте бөлүнүп кеткен кимактардын, кыпчактардын батыш канатынын акими кимак падышасынын букарасы деп эсептелген. XI кылымда Махмуд Кашкаринин убагында кимактар болгон эмес, Иртышта ал убакта Гардизи сөз кылган кимак урууларынын арасында кыпчактар сыяктуу йемек эли жашаган. Кыпчактар кийинчерээк саясий бир бүтүндүктү түзбөсө да өзүнүн атын Түркстандын батыш бөлүгүндөгү жана Россиянын түш түк-чыгыш бөлүгүндөгү талааларга калтыргандыгы белгилүү. Монголдордон кийинки мезгилде ошол эле кыпчактар казак элинин негизин түзгөн, ага XVIII кылымда калмактар (ойроттор) жана орустар «кыргыздар» деген жаңылыш ат беришкен. Кыпчактардын кулашына алардын чыгыштагы коңшулары көмөк бергендиги жөнүндө маалыматтар жок.

Туманскийдин кол жазмасына караганда, кыргыздар өлкөсүнөн көптөгөн жыпар жака аң терилери (кыргыз жыпары жөнүндө башка булактарда да айтылган), ошондой эле кайың жыгачтары (кайың кабыгы болуш керек) жана бычактын сабына керектүү болгон хуту мүйүздөрү сыртка чыгарылып турган. Булар алыскы түндүктөн алынып келинген морждордун азуулары экендиги азыр аныкталды. Кыргыз падышасы кыргыз хакан (каган) деп аталган. Ошол эле авторд ун айтканына караганда, кыргыздар мүнөзү боюнча жапайы айбанаттарга окшоп, сырткы түрү орой, чачтары суюк болгон, адилетт үүлүгү жок, боорукердиги аз болгон. Алар жоокердиги менен айырмаланып, коңшулары менен согушуп, кастыкта болгон. Алардын арабалары (же кайыктары), койлору, уйлары жана жылкылары бар, суу, жайыт, жакшы аба ырайын жана шалбааларды издеп көчүп жүрүшөт. Алар отко сыйынып, өлгөндөрүн өрттөшөт, чатырларда жана кепелерде жашап мергенчилик менен кесип кылышат. Алардан чыгышты карай кыргыздардан чыккан фури деген эл бар. Алар башка кыргыздар менен аралашпайт. Алардын тилин башка кыргыздар түшүнбөйт. Кыргыз каганы жашаган шаар Кемиджкет деп аталат. Тоолордо кыргыздардан чыккан кесим деген эл жашайт, алар да чатырда жашап, аң терилерин, жыпарды, хуту жана башкаларды табуу менен кесип кылышат. Кыргыздардан чыккан башка эл бар, алардын тили карлуктардын тилине жакын, ал эми кийимдери кимактардын кийимине окшош. Кыргыздардын канатында кыштак да, шаар да жок. Хакан жашаган жердегилерден башканын баары чатырларда жашайт.

Бул текстте Тан-шуга караганда кыргыздар бир кыйла жапайы эл катары сүрөттөлөт. Бул жагынан кытай маалыматтары бир кыйла тагыраак болуш керек. Эгер кытайлар кыргыздардын башка элдер менен бейкут карым-катнаштары жөнүндө айтса, перс автору кыргыздардын бардык коңшулары менен согушуп тургандыгы жөнүндө баяндайт, демек, алардын ортосундагы айырмачылык бөтөнчө көзгө урунат. Өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жиберүү жөнүндө кытайлардын маалыматы ырас талат, кытайлар мындан тышкары өлүк өрттөлгөндөн кийин калган сөөктөрдү бир жыл өткөндөн кийин жерге көмүшөт деп айтышат. Түрктөрдөн айырмаланып кыргыздар адам өлгөндө бетин тытпайт. Өлгөндөрдү өрттөө жөнүндө маалыматтарда Гардизи кыргыздардын пикири боюнча от эң таза нерсе жана ар кандай ыпыласты жок кылат деп кошумчалайт, ошентип өлгөн адам ыпыластан жана күнөө дөн от менен тазаланган. Башка кыргыздардан айырмаланып, фури эли өздөрүнүн өлгөн адамдарын тоого алып барышып, ал чиригенче дарактарга калтырып кетишкен. Бирден бир кыргыз шаары же кыштагынын аты жөнүндө болсо, бул аттын Кытай транскрипциясы (Иакинфте – Мидичжы, Шотто – Мидичжита), перс текстинде Микиджкет деп окулат деп болжоого болот (акыркы мууну – шаарлардын жана кыштактардын аттарына көбүрөөк кошулган иран сөзү, маселен Аксекет,

Пянджикет д. у. с.)

X кылымдагы автор Абу Дулеф кыргыздардын турмушун бир кыйла жакшы сүрөттөйт. Бул автор өз саякатын сүрөттөөдө кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар сөзсүз апыртылган болушу мүмкүн, анда географиялык жактан көп так эместиктер бар, ал өзү сүрөттөгөндөй ирээтте ал элдерде болушу мүмкүн эмес. Ал кыргыздарга дегеле барбаган болуш керек, өзү көргөн окуялар катары китептерден алган маалыматтарды келтирет, бирок анын булактарынын арасында тагыраак маалыматтар болушу да ыктымал. Кыргыздар жөнүндө алар таруу, күрүч жана төөнүн этинен башка эттин баарын жей тургандыгы айтылган. Алардын сыйынуучу үйү жана өз жазмасы бар. Алар токтоолугу жана сактыгы менен айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө аны өчүрүшпөйт. Сыйынган убакта өздөрү колдонгон башкача кыраат менен айтылган тили бар. Жыпары бар. Жылына үч майрам өткөрүшөт. Алардын асабасы жашыл түстө. Алар сыйынган убакта түштүккө багыштанышат. Планеталардын ичинен Сатурн менен Чолпонго сыйынышат. Марсты жамандык алып келе турган жылдыз катары карашат. Жырткыч айбанаттар көп. Түнкүсүн жарык бере турган таш бар, ошондуктан шам чырактын аларга кереги жок. Бул таштан алар буюмдарды жасашат. Алардын падышасы элдин камын көрөт, алар да аны урматташат. Падыша отурганда жашы кырктан ашкан адам гана отура алат.

Бул баянда кыргыз жазмасы жөнүндө эске алынгандыгы кызык, ал жөнүндө Тан-шуда да айтылган, мында кыргыздардын «жазмасы жана тили уйгурлардыкына абдан окшош» деп белгиленген. Кеп ошол убакта уйгурлардын арасында таркай баштаган жана кийин монголдор кабыл алган алфавит жөнүндө эмес андан байыркы жазуулар жөнүндө болуп жатат, орхон жазууларын ачуунун аркасында аны окуу үчүн ачкыч табылар эле. Ошол эле алфавит кыргыздарга белгилүү экендиги Енисейдин бассейниндеги көп сандаган жазуулардан көрүнүп турат, бул жазуулар орхон жазууларына караганда илимге бир кыйла мурда белгилүү болгон, бирок тарыхый орхон жазууларын ачуунун аркасында гана бул түшүнүктүү болуп, илимге алгачкы материалды берген, мына ушунун негизинде табышмактуу жазууларды териштирүүгө мүмкүн болду. Енисей жазууларын которууга Радлов аракет жасаган. Жазуулардын бардыгы мүрзөдөгү жазуулар, аларда тарыхый маалыматтар жок. Кыргыз деген сөз аларда жолукпайт. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздар Енисейде жашаган дегенге ылайык Радлов жазуулардын көпчүлүк бөлүгү кыргыздарга таандык болгон деп болжойт. Бир жазууда да эч болбосо айбанаттар циклинин доору боюнча даталар жок. Бирок Тан-шуда дал кыргыздар жөнүндө алардын жылы он эки жылдык цикл ден тургандыгы жана айбанаттардын аты менен белгиленери айтылган. Мына ушунун негизинде Абель-Ремюза 1820-жылы айбанаттар циклинин ойлоп чыгарылышын кыргыздарга таандык кылгысы келген. Тамгаларынын формалары орхон жазууларынын мезгилине караганда бир кыйла байыркы мезгилди көрсөтүп турат. Ошондуктан Радлов Енисей жазууларын VII кылымга, көбүнчө анын экинчи жарымына таандык кылат. Жазуулардын биринде бул өлгөн адам жети жаш курагында Кытай императоруна барып келгендиги жөнүндө айтылган. Радловдун пикири боюнча бул 648-жылдан мурда болушу мүмкүн эмес, ал эми Тан-шу боюнча кыргыздардын биринчи элчилиги Кытайга ушул жылы жөнөтүлгөн. С. Е. Маловд ун Енисей эстеликтери «орхон-селенга эстеликтеринен эки-үч жүз жыл мурда болгон» деп айтканы (1926-жылы 28-февралда Бакудагы Түркологдордун съездинде жасаган докладында) ого бетер шек туудурат.

Мүрзөлөрдөгү ар кандай жазуулар сыяктуу эле енисей жазуулары да элдин түшүнүктөрү жана дини жөнүндө ой жүгүртүүгө кээ бир материалдарды берет. Бирок тексттин жана анын котормосунун жаңы оңолуп басылышы жарыкка чыкмайынча бул материалды илимий жактан пайдалануу мүмкүн эмес. Дини боюнча кыргыздар сөзсүз шаманисттер болгон.

Бул динге сыйынуулар жана кыраат менен айтылган сөздөр жөнүндө Абу Дулевдин айткандары тийиштүү. Шамандарды билдирүү үчүн кыргыздарда, ошондой эле башка түрктөрдө кам деген сөз болгон. Енисей жазууларында (ошондой эле орхон жазууларында) бул сөз жок, бирок ал Тан-шуда кыргыздар жөнүндө баянда келтирилет. Буддисттер (тибеттиктер) жана мусулмандар менен соода карым-катнашынын болгондугуна карабастан, кыргыздардын арасында будалык же мусулмандык үгүттүн кандайдыр бир ийгиликке жетишкендиги жөнүндө эч кандай кабар жок.

Кыргыздардын өлкөсүнөн сыртка чыгарылган товарлардын ичинен мусулман өлкөлөрүндө жыпар көбүрөөк бааланган болуш керек. Бул товарлар менен, ошондой эле Ыраакы Чыгыштын өлкөлөрүнөн сыртка чыгарылган башка товарлар менен соода жүргүзүүдө деңиз соодасынын кургак жол кербен соода менен атаандаштыгы чагылдырылышы мүмкүн. Деңиз соодасынын өнүгүшү бул жагынан кыргыздарга зыян келтириши мүмкүн эле. Азыркы убакта жыпар көбүнчө деңиз аркылуу Кытайдын портторунан, бөтөнчө Шанхайдан ташылып чыга тургандыгы белгилүү. X кылымда географ Ибн Хаукаль баасы жана сапаты боюнча эң мыкты жыпар Тибеттен жана кыргыздардын аймагынан кургак жол менен ташылып келингендиги жөнүндө айтат. Бирок андан мурдагы географ Якуби (891-жылы жазган) баарыдан жогору Тибет жыпарын баалап (мында кыргыздардын жыпары жөнүндө сөз жок), андан кийинки орунга согдилик жыпарды (Зеравшандагы жер боюнча) коюп, үчүнчү орунга гана (Кантон) портунан чыгарылып турган. Жыпар жөнүндө Кытайдан Аденге алынып келинген товарлардын арасында эске салынат.

Тышкы соодага карабастан, кыргыздардын өзүнүн металл дык өндүрүшү болгон, балким, алар качандыр бир убакта мурда Енисейде жашаган, коло маданиятынын элинен мураска алып калган болушу мүмкүн, кыргыздарга темир эчактан белгилүү болушу керек. Тан-шуда кыргыздар ханышага темирден курал жасап беришкендиги айтылган, алар мурда түрктөргө салык төлөп келген. Темир буларда кяса деп аталган. Шотт бул сөздү киши жегичтердин сөздөрүнө жакындатып, бирок алтайлыктардын «ас» – «жез» деген сөзү менен жана кыпчактардын «сары жез» деген сөздөрү менен жакындыгын көрсөтөт. Кыргыздардын жана дегеле түрктөрдүн металл менен тааныштыгы жөнүндөгү маселени чечүү үчүн бул маселеге тийиши бар лингвисттик маалыматтарды бир кыйла толук салыштырып чыгуу зарыл болор эле. Радлов жергиликтүү элдин уламыштарына ылайык Абакандагы жана Енисейдеги мүрзөлөрдү кыргыздарга таандык кылат, ал мүрзөлөрдөн кийинки темир доорунун буюмдары табылган.

Өзүнүн маданий өнүгүшүнүн даражасы жагынан кыргыздар өздөрүнүн түндүктөгү жана чыгыштагы коңшуларынан сөзсүз бир кыйла жогору турган, бул жөнүндө маа лыматтарды биз кытай жана мусулман булактарынан табабыз. Кыргыздардан чыгыш тарапта жашаган фури эли жөнүндө маалыматтар Туманскийдин кол жазмасында келтирилген болучу. Кол жазмаларда бул элди адам жегичтер катары айыптайт. Фури жөнүндө жана алар менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер жөнүндө кээ бир толук маалыматтар Гирдизиде айтылат. Анын сөзүнө караганда кыргыз ханынын ордосунан фури элинин аймагына чейин үч айлык жол болгон. Фурилер саздарда жашаган жапайы адамдар катары сүрөттөлөт. Эгер аларды ал жактан алып чыкса, суудан чыккан балыкка окшоп кетет. Эгерде алардын бирөө кыргыздарга туткунга түшсө, алар тамак ичүүдөн баш тартып, андан качып чыгууга аракет кылышат.

Кээ бир башка булактарда кыргыздардан чыгыш тарапта кун жана кай элдери жашаган, анын үстүнө кун деген сөздүн ордуна кури деп окулушу жолугат. Булар жанагы эле фурилер болушу мүмкүн (анткени араб алфавитинде «к» жана «ф» тамгалары окшош келет). Кытай булактары менен салыштырып келгенде кури деп окууга туура келет. Тан-шуда жана орхон жазууларында Байкалда жашаган курыкан деген эл жөнүндө маалымат бар. Андан кечирээк жазылган кытай чыгармасында (Юань-ши –  монголдордун тарыхы) Ангарага жакын жерде кули эли жашаган. Ошол эле эл XIV кылымдын башында жазган перси тарыхчысы Рашид ад-диндин жазганында Байкалдын жанында кури деген ат менен жашагандыгы айтылган. Кури эли өзүнүн чыгыштагы коңшусу кай эли тарабынан кол салууга дуушар болгондугу, ошондуктан башка элдерди кысып чыгарып, батышты көздөй жылган деген маалымат XIII кылымдын башындагы автор Ауфиде бар. Бул элдердин арасында кыргыздар эске алышпайт, ошондуктан Маркварт зор маани берген Ауфинин бүт баяны башка булактар менен аз ырасталат (Марквартт ын пикири боюнча бул кыймылга жогоруда айтылгандай кимактардын бөлүнүп кетишинин фактысы байланыштуу).

Енисей дарыясы кайда барып куя тургандыгын билүү максатында бир кыргыздын суунун агымы боюнча саякаты жөнүндө Ауфинин уламыш сыяктуу болсо да, баяны кызыкчылык туудурат. Ауфинин айтканына караганда, кыргыздардын өлкөсүндө төрт дарыя бир дарыяга биригип, ал дарыя тоолорду жана капчыгайларды аралап кетет. Кыргыз дарыянын агымы боюнча чакан кайык менен жөнөгөн, үч сутка бою ал жарыкты, жылдызды, айды жана күндү көргөн эмес. Акыры ал кең түздүккө туш келип, кайыктан түшкөн. Аттардын дүбүртүн угуп, ал жыгачка чыгып алып, ким келерин күткөн. Өтө узун бойлуу (узундугун найза менен салыштырат) үч атчан чоңдугу уйдай келген иттери менен келген. Кыргызды көрүп алар ага боору ооруп, иттер талап кетпеси үчүн аттардын бирине мингизип алып кетишет. Аны өз чатырына алып келип, кодо боюна таң калышат. Акыры ага үйүн көздөй жолду көрсөтүп беришет. Алар кимдер жана кайсы элден экенин эч ким билген эмес. Бул аңгеме боюнча Енисей Минусинскийге чейин жана кайрадан Ачы уездинен Красноярскиге чейин тоолор аркылуу өткөндүгүн эске салууга болот.

Уйгурлар талкаланып, кыргыздардын улуу державасы түзүлгөндөн жүз жыл өтпөй эле бул улуу держава да кыйраган. X кылымдын башында Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө биринчилик кытайларга, монгол тегиндеги элге өткөн, булар бир канча кылым бою саясий турмуштун окуяларына катышып келген. VII кылымда эле кытайлар түрк-огуздардын калыбына келтирилген кагандыгына каршы түзүлгөн коалициянын курамына кирип, чыгыштан келген жалпы душманга кол салууга тийиш болушкан. Эми кытайлардын акими (анын аты кытай транскрипциясында А-бао-чжи деп аталат) Түндүк Кытайдын бир бөлүгүн ээлеп, 917-жылы Кытайдын императорунун титулун алып, жаңы Ляо династиясын негиздеген. Кытайлар бүткүл «Орто империяга» ээ болбостон, анын түндүк бөлүгүнө гана акимдик кылышкан. Ошондой болсо да алардын аттары Монголиядан Индияга жана Батыш Европага чейинки көп элдер тарабынан Ыраакы Чыгыштын байыркы маданий державасын атоого колдонулуп келген. Орусча «Кытай» деген ат ушундан келип чыккан.

Ляо династиясынын негиздөөчүсү Кытайдын кээ бир маданий аймактарын жеңип гана албастан, 924-жылы Монголияга да жортуул жасап, Орхондогу уйгурлардын мурунку борборунун урандысында болгон, мурунку кагандардын жазуулары бар таштарды көрүп, өзү да жаңы эстелик орноткон (ал сакталып калган эмес). Ушул убакка чейин белгилүү болуп келген булактарда мындай жеңиш жөнүндө түздөн-түз маалыматтар болбосо да кыргыздарды каратып алуу ушунун алдында болуш керек. Кыргыздардын улуу державасына чейин болгон тартиптерди Монголияга калыбына келтирүүгө умтулуу, Орхондогу уйгурлардын мурунку ээликтерин кайтаруу жөнүндө аракет Ганчжоу шаарынын уйгур акими жасаган сунуштан көрүнүп турат. Уйгурлардын акими уйгурлар Монголиядан кеткен убактан бери он муун өтүп кетти имиш деп жооп бергендиги өтө апырткандык болор эле. Чындыгында, кыргыздар уйгурларды жеңген убактан бери 80 жыл гана, башкача айтканда, үч муундан аз убакыт өткөн. Бирок уйгурлар өздөрүнүн жаңы мекенинде дыйканчылык жана шаардык турмушка көнүп, ошондуктан Монголияга кетүүнү каалашкан эмес.

Радловдун китебинде кыргыздардын ханы 970-жылы гана Енисейдеги өзүнүн мурунку ордосуна кайтып келген деп айтылган. Бул кабар Риттер аркылуу Клопраттан алынган (мындан 670 деген дата ачык эле жаңылыштык экени көрүнүп турат). Шотт өзүнүн булактарында бул датаны таппаган болуш керек, аны Клопраттан кайдан алгандыгы да белгисиз. 924-жылы кытайлардын Орхонго жортуулу жөнүндө баян кыргыздар 970-жылга чейин Монголияда же анын эч болбосо бир бөлүгүндө болушу жөнүндө күмөндөнүүгө мажбурлайт.

Кыргыздар Монголияда үстөмдүк кылган акыркы түрк эли болгон. Алар талкалангандан кийин Монголия ушул убакка чейин сакталып калган этнографиялык мүнөзгө ээ болгон. Уйгурлар жасаган сунуш кытайларда Монголиядан түрктөрдү кууп чыгарууга жана алардын жерлерин өздөрүнүн туушкандары – монголдорго берүү жагынан атайын умтулгандык болбогондугун көрсөтүп отурат. Бирок уйгурлар баш тарткандан кийин Монголияга барып жашай турган башка түрк эли болгон эмес. Ошентип, түрктөрдүн жоктугунан монголдук тектеги элдер пайдаланып кеткен. Кыргыздардын чыгыштагы коңшулары да монголдор, фури (же кури) эли болушу өтө ыктымал. Буга «фури» тили башка кыргыздар үчүн түшүнүксүз болгондугун Туманскийдин кол жазмасындагы сөздөр көрсөтүп турат. Түрк тилинен башка тилде сүйлөгөн элдер жөнүндө кээ бир маалыматтарды Махмуд Кашгари да баяндайт. Тилекке каршы, бул маалыматтар анчалык так эмес, алыскы Түндүк-Чыгыштагы өлкөлөр менен жекече таанышкандыктын белгилери да андан байкалбайт. Махмуд Кашгари кыргыздарды таза түрк диалектинде сүйлөгөн элдердин катарына адилеттүүлүк менен кошкон, бирок алар алыскы түндүк-чыгышта жашайт деп эсептейт. Түрк эмес каилер жана татарлар, анын сөзүнө караганда, батышыраак жакта жашаган. Ошол эле убакта татарлар Орхон жазууларында дайыма аталып келген Утугэн деген тоо кыркаларында жашаган деп айтылат (жазуулардын авторунун айтканына караганда бул түрктөрдүн чыныгы мекени болгон) жана бул жер Хангайга туура келиши ыктымал. XI кылымда бул жерде татарлардын (Чыңгыз хандын убагында жана андан кийин дайыма азыркы монголдорду ушундай деп аташкан) жашагандыгын Орхон жазууларынын мезгилинен бери калктын курамында болуп өткөн өзгөрүүлөр ачык далилдеп отурат. Элдердин жайгашуусу жөнүндө бир кыйла так маалыматтарды биз XII кылымдын акырында жана XIII кылымдын башында, башкача айтканда, Чыңгыз хандын жортуулунун доорунан таба алабыз. Ошол убакта ал түгүл Енисейдин жогору жагында, кыргыздардын түштүк жагында монгол тегиндеги ойрот эли жашаган, алардын тили Чыңгыз хандын монголдорунун тилинен диалектилик жагынан гана айырмаланган. «Ойрадан Кэргисыга чейин», башкача айтканда, ойроттордун жергесинин борборунан кыргыздардын жергесинин түштүк чек арасына чейинки аралык беш күндүк жол деп эсептелгендиги жөнүндө Кытай маалыматтарында бар. Бул жерде эки тил – түрк жана монгол тилдери канчалык аралашып кеткендиги жөнүндө Рашид ад-диндин сөздөрүнөн көрүнүп турат, мында Енисейдин жогорку бөлүгүн түзгөн дарыялар Сексиз мурэн Сегиз дарыя) деп аталган. Монголдордун мурэн (дарыя) деген сөзүнө түрктөрдүн сан сөздөрү кошулган. Азыр бул жерде монголдордун катуу таасиринде болушса да түрктөр жашап тургандыгы белгилүү. Дарыялардын аттарынын арасында азыркы убактагы картада монголдук аттар да жолугат, алардын бири Ебе-усу деген ат Рашид ад-динде да көрсөтүлгөн.

Монголияда кыргыздардын үстөмдүгү кыска убакытка созулгандыгына карабастан, кыргыздар жөнүндө эскерүүлөр монголдордо ушул убакка чейин сакталып калган, балким, Монголияны монголдор ээлеп алганга чейин бул өлкөдө жашаган жана үстөмдүк кылган акыркы эл кыргыздар болгондугунан ушундай болушу ыктымал. Батыш Монголиядан тартып дээрлик Орхонго чейинки бүт мейкиндикте жолуккан байыркы мүрзөлөр «кыргыз» бейиттери деп аталат, буга чынында кыргыздарга эмес андан мурдагы жашаган уйгурларга жана башкаларга таандык болгон бейиттер да кирет. Рамстедт Селенга менен Орхондун ортосундагы ушундай «кыргыз» көрүс төндөрү жөнүндө эске салат, мындагы эстеликтердеги жазууларда VIII кылымдагы уйгур кагандарынын биринин падышачылыгы жөнүндө айтылган.

IV БАП

ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ  X КЫЛЫМДАН КИЙИН

Өзүнүн кыска мезгилдүү кубаттуулугун жоготкондон кийин кыргыздар беш кылымдан ашуун убакыт бою алгачкы мекени – Енисейде, Саян тоо кыркаларынан түндүк жакта гана эске алынат. Чыңгыз хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндө кабарлардан тышкары кыргыздардын башка элдер менен ал убактагы мамилеси кандай болгондугу жөнүндө дээрлик эч кандай маалыматтар жок.

Балким, кыргыздардын начарлашынан Кара-Ходжа жана Бишбалык шаарлары кирген аймакты дагы эле ээлеп турган алардын эски душмандары уйгурлар пайдаланышы мүмкүн. 981 жана 984-жылдардын ортосунда аларда кытайдын Ван Янь-дэ деген элчиси болгон (ал кытайлардан эмес, Сун улуттук династиясы башкарып турган Түштүк Кытайдан келген). Ал убакта уйгурларга баш ийип турган элдердин арасында ягмалар жана карлуктар менен бирге кыргыздарды да атап кетет. Пельо ошол эле үч калк бирге Ауфидиде да аталгандыгынын фактысын белгилейт, бирок мында ягма менен карлуктар кыргыздардан батыш жакта жашайт деп гана айтылган, ушул эле жерде кыргыздардын түндүктөгү коңшулары катары кимактар жөнүндө да баян бар. Мындан Ауфи бир кыйла мурдагы мезгилдер жөнүндө китеп маалыматтарынын таасири астында болгондугу көрүнүп турат. Уйгурларга Енисей кыргыздарынын баш ийгендиги жөнүндө Ван Янь-дэде айтылган же айтылбагандыгы жөнүндө Пельо келтирген тексттен көрүнбөйт. Биз Туманскийдин кол жазмасынан билгендей, Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын ийгиликтерин жок кылуу жөнүндө сөз болуп жаткан болуш керек. Кийинки жолу кыргыздар Түндүк Кытайда Ляо династиясын (916–1125) жок кылып, Цзинь жаңы династиясын (1125–1234) негиздеген маньчжур тегиндеги элдер – чжурчжэндер кытайлардын мамлекетин жеңип алгандан кийин кытайлардын бир бөлүгүнүн батышка жылышы жөнүндө перс тарыхчысы Джувейнинин (XIII кылым) баянында эске алынган. Батышка кеткен кытайлар кеңири империяны түзүшкөн, аны кытайлар «батыш Ляонун» империясы деп аташат. Мусулман булактарында бул империянын акимдери ал түзүлгөндөн тартып гурхан деген титулду алып жүргөн. Кытайлардын батышка көчүшү жана алардын Орто Азиянын батыш бөлүгүн жеңип алгандыгы жөнүндө кабарлар көп чыгармаларда, кытай жана мусулман чыгармаларында келтирилет, бирок кытайлар, аларды мусулмандар атагандай кара кытайлар менен кыргыздардын ортосундагы кагылышуулар жөнүндө Джувейни гана маалымат берет.

Джувейнинин баянына караганда гурхан өзүнүн өлкөсүнөн бир маалыматтар боюнча бар болгону 80 адамдан турган кошун менен, башка бир кабарга караганда көп сандаган кол менен чыккан. Кара кытайлар кыргыздардын чегине келгенде, алар бул аймактарда жашаган урууларга кол салышкан, беркилер да ушундай эле кол салуулар менен жооп беришкен. Кара кытайлар дагы андан ары батышка кетүүгө мажбур болушуп, Эмилге, башкача айтканда, азыркы убактагы Чугучактын аймагына жетишип, бул жерде шаар курушкан, Джувейин ин убагында ал шаардан урандылар гана калган. Бул жерде аларга көп түрктөр жана башка элдер кошулган, алардын саны 40 000 түтүнгө жеткен. Бирок алар Эмилде кала алышкан эмес, андан ары кетүүгө аргасыз болушкан. Алар мусулмандардын Баласагун шаарына (Чүй дайрасына) келишип, ал жерде жергиликтүү ханга ага кас көчмөндөргө каршы согушта колдоо көрсөткөн, бирок кийин анын өзүн тактан түшүрүп, шаарды ээлеп алышкан. Баласагун кара кытайлардын кеңири империясынын борборуна айланган, анын чек арасы Джувейнинин текст инде анчалык толук аныкталган эмес, анда келтирилген географиялык аттардын айтылышы так аныкталбайт. Балким, гурхандардын түндүктөгү чеги катары Кем дайрасынын боюндагы жерлер айтылышы мүмкүн, бул жөнүндө төмөндө сөз болот. Баласагундан кийин кара кытайлар Кашкар менен Хотанды алып, андан кийин аскерлерин кыргыздардын мурунку иштери үчүн өч алууга жөнөтүшкөн, натыйжада ал аскерлер Бишбалыкты алып, андан алар Фергана менен Мавераннахрга, башкача айтканда, Түркстанга жиберилген. Джувейнинин баянында хронологиялык даталар жок, анда айтылган окуялардын кээ бирлеринин даталары башка булактар боюнча такталышы мүмкүн. кара кытайлардын Фергана жана ага тутумдаш жаткан аймактарга биринчи жортуулунун мезгили баарынан тагыраак белгилүү. Кеп хиджиранын 531-жылынын рамазанында (май – июнь, 1137-жыл) Ходженттин алдында алардын аскерлери самарканддык ханды жеңип чыккандыгы жөнүндө болуп жатат. Демек, кыргыздарга жортуул бул мезгилден бир аз мурда болгон. Кытай булактарына караганда, кытайлардын батышты көздөй кыймылы өздөрүнүн мамлекети биротоло кулаганга чейин, чжурчжэндер Пекинди алгандан кийин (1120-жыл) башталган. Эмигранттардын башында кытайлар Да-ши деп атаган династиянын мүчөсү болгон. Бул ат кээде Ляо династиясынын императорлорунун фамилиялык атына Елюй деп кошулуп берилген, ошондуктан батыш Ляонун империясынын негиздөөчүсү кытай булактарында Елюй Да-ши деп аталат. Пекин кулагандан кийин Да-ши куралдары менен кошо туткунга алынып, кийин ал чжурчжэндин андан аркы согуш аракеттеринин убагында жол көрсөткүч болуп, бул үчүн кечирим берилген. Бул 1121-жылы болгон, мындан көп убакыт өтпөй Да-ши белгисиз жакка качып кеткен. 1124-жылы ал кайдадыр түндүктөгү өлкөлөрдүн биринде падыша болуп жарыяланды, анын падышачылыгы түндүк жана түштүк болуп эки бөлүктөн турат деген кабар чжурчжэндерге чейин жеткен. 1129-жылы Чыгыш Монголиядан Да-шинин түндүк өлкөлөрдөгү ийгиликтери жөнүндө бир кыйла толук маалыматтар алынган. 1130-жылы уйгурлар Кара-Ходжада Да-шинин төрөлөрүнүн бирин туткунга түшүрүп алып, аны чжурчжэндерге кармап беришкен. 1144-жылы ошол эле уйгурлар чжурчжэндерге тартуу алып келишип, Да-ши дүйнөдөн кайтты, бирок анын эли алардан – уйгурлардан алыс эмес жерде жашай тургандыгын кабарлашкан.

Синолог Бретнейдер тарабынан Цзинь династиясынын тарыхынан (цзинь-ши) алган бул маалыматтар Ляо династиясынын тарыхында (Ляо-ши), ошондой эле мусулман булактарында кээ бир ырастоолорго ээ болот. Мусулман булактары биринчи гурханды хиджиранын 537-жылынын рамазанында (январь – февраль, 1143-жыл) өлгөн деп эсептешет. Маркварттын далилдегенине караганда, Елюй Да-ши 1124-жылы 21-февралда император болуп жарыяланган. Джувейнинин баянынан кара кытайлардын мындай күчөшү Эмилде кыргыздар менен кагылышуудан кийин болгон деп корутунду чыгарууга болот, демек, бул окуя 1121-жылдан кийин жана 1124-жылдан мурда болгон. Джувейнинин сөзүнө караганда, кыргыздардан өч алуу үчүн жасалган жортуул 130 жылдагы окуяга бөтөнчө тийи ши бар деп Цзинь-шиде айтылган уйгурлардын аракеттери менен байланыштуу болушу ыктымал. Джувейни кыргыздарга жортуул жөнүндө баянында кара кытайлардын кыргыздардын шаары эмес, уйгурлардын Бишбалык шаарын алгандыгы тууралуу гана айтат. Кыргыздардын уйгурлар жергесинде болгон окуяларга кандайдыр бир катышы болушу мүмкүн, бирок анын кандай катышы болгондугу жөнүндө Джувейнинин сөздөрүнөн көрүнбөйт. Батыш Ляо династиясынын же алардын атаандаштары – Цзинь династиясынын бийлиги качандыр бир убакта кыргыздардын жергесине, башкача айтканда, Енисейдин бассейнине таркатылгандыгы жөнүндө далилдүү маалыматтар да жок. XII кылымда уйгурлар Ляо династиясына, бирде Цзинь династиясына баш ийип турган. Алардын 1209-жылы Чыңгыз ханга баш ийиши гурханга каршы көтөрүлүшкө жана анын өкүлүн өлтүрүп койгондукка байланыштуу. Ошондой болсо да кыргыздардын Чыңгыз ханга баш ийгендиги жөнүндө баянда бул элдин кара кытайларга жана чжгочжэндерге карата кандайдыр бир мамилелери тууралуу бир да сөз жок.

XII кылымдын акырындагы жана XIII кылымдын башындагы кыргыздар өлкөсүнүн абалы жөнүндө маалыматтарды биз Рашид ад-динден (Рашид ад-диндин чыгармасынын бул бөлүгү басылгандыгы жана Березин тарабынан которулгандыгы белгилүү) жана «Юань династиясынын тарыхы» (Юань-ши) деген кытай тарыхынан табабыз, монголдор негиздеген бул династияны кытайлар ушундай деп атаган. Юань-шинин маалыматтарын көп синологдор, бөтөнчө Шотт, Бретшнейдер, Палладий жана башкалар келтирген. Рашид ад-диндин маалыматы боюнча бир падышачылыкты түзгөн Кыргыз жана Кем-Кемджиют деген эки аймак болгон. Рашид ад-дин кыргыздардын өлкөсүнүн кайсы бөлүгүн Кем-Кемджиют өлкөсү түзгөндүгүн айтпайт, ал эми Юань-шиде бул жөнүндө карама-каршы маалыматтар берилген. Кяньчжоу аймагы кыргыздардын өлкөсүнөн түштүк-чыгышты көздөй, ошол эле убакта Кем дарыясынан, башкача айтканда, Енисейден батышты көздөй жайгашкан. 1218-жылдагы монголдордун жортуулу жөнүндө Рашид ад-диндин баянында Кем-Кемджиют деген ат ал убакта муз каптап жаткан кыргыздардын өлкөсүндөгү дарыянын аты менен аталган. 1223-жылы кытайлык Чан-чунь деген дербиш Алтайга жакын жерде болгондо ал жерде Кянькяньчжоунун өлкөсү ал жерден түндүк-батыш жакта, 1000ден ашуун ли (500 чакырымга жакын) жерде деп уккан. Жок эле дегенде Кем-Кемджиюттун өлкөсү кыргыз жергесинин түштүк бөлүгүн же түштүк-чыгышка караганда түштүкбатыш жак бөлүгүн түзгөн.

Рашид ад-диндин маалыматы боюнча кыргыз ээликтеринин чек арасы түндүк-чыгышта жана чыгышта Ангара менен Селенга болгон, түштүктө Селенгадан Иртышка чейин Наймандардын жери (бул эл Батыш Монголиядагы эң күчтүү эл болгон) ири, баргут, тумэт жана байлук элдеринин ээлиги Байкалга жакын жердеги Баргуджин-Тукум өлкөсүндө болгон, анын аты Баргузин деген жердин, суунун атында сакталган.

Юань-шиде Кяньчжоу менен Ангарадан тышкары кыргыздардын өлкөсү менен байланыштуу үч аймак: Усы, Ханьхэн жана Йиланьчжоу эске алынат (кытай тилинде чжоу деген аймак деген сөздү түшүндүрөт). Усы аймагы кыргыздардан чыгыш тарапта жана Кянь (Кем, Енисей) дарыясынан түндүк жакта болгон жана башка дарыянын атынан аталган, бул Ус дарыясы жөнүндө болуп жатса керек. Андан чыгышыраак жакта Кем дарыясы агып чыккан Ханьхэн аймагы болгон жана ал жактан эки тоо капчыгайы аркылуу өткөн, мында кыш мезгилинде лыжаны пайдаланышкан. Йиланьчжоу аймагы жөнүндө ал чоң жыландын (түркчө йилан – жылан) деген аттан алган деп айтылат.

Юань-шиде кыргыздардын кырк кыздан чыккандыгы жөнүндө уламыш эске салынат. Кыргыздар Юань-шиде өтө аз сандуу эл катары сүрөттөлөт, алар бар болгону 9000 түтүн болгон имиш, бирок бул чындыкка ылайык келбейт. Бул өлкө кыргыздардын улуу держава болгон доорундагыдан маданий өнүгүшүнүн даражасы жагынан жогору болуш керек, мындан бул мезгилдин ичинде маданий калктар менен катнаш токтотулган эмес деген корутунду чыгарууга болот. Раши-ад-диндин сөздөрүнө караганда, кыргыздардын өлкөсүндө көп көчмөндөр болгон, ошондой эле шаарлар менен кыштактар да көп болгон. Юань-ши боюнча кыргыздар мыкты дыйкандар болгон эмес, бирок буудай эгишкен. Чань-чун Кянькяньчжоу өлкөсү жөнүндө айтканда «ал жерде жакшы темир алышып, тыйын чычкандар көп экендиги; буудай эгилип, көп кытай кол өнөр чүлөрү жашагандыгы, алар жибек кездемелерди, парчаларды жана түстүү кездемелерди токуй тургандыгы» да белгиленген. Мында акыркы кабар кызык: качандыр бир убакта кыргыздар өлкөсүнө алынып келип турган кездеме эми өлкөнүн өзүндө жергиликтүү калктын колдорунан болбосо да чыгарылып тургандыгы көрүнүп турат. Монголдор Чыңгыз хандын убагында эле бул жерлерде дыйканчылык маданиятын орнотууга көмөк көрсөткөн. Чань-чун 1221-жылы эле Алтайда жүргөндө бул тоолордон түндүк жакта монголдордун тапшыруу су боюнча Чингай деген христиан уйгур курган шаар бар экендигин уккан, анда дан кампалары болгон. Согушка байланыштуу окуялардын натыйжасында ал убакта Монголия Кытайдан дан ташып келе албай, Минусинск районунун күр жерлеринен дандын келип турушуна муктаж болгон болуш керек.

Чыңгыз хандын жогорулашына жана анын өз атаандаштары менен күрөшүнө байланыштуу XII кылымдын акырындагы жана XIII кылымдын башындагы окуялар кыргыздардын тагдырына да таасирин тийгизген. 1199жылы (кой жылы) Чыңгыз хан жана аны ал убактагы союздашы кераиттердин ханы Ван-хан талкалаган наймандар (кераиттер да монгол эли, наймандардын чыгыштагы коңшулары болушкан) Кем-кемджиюттун өлкөсүнө качышкан. Чыңгыз хандын наймандарды биротоло жеңип чыгышы (кераиттерди алар мурда эле талкалап, алар түштүккө качышкан) жана Чыңгыз хандын бүткүл Монголиянын башчысы болуп жарыяланышы 1206-жылы болгон. Наймандардын жана алардын союздаштары мергиттердин көпчүлүгү батышты көздөй, Иртыштын ары жагына качып кеткен, бирок мергиттердин акими Тухтабики жазында (1207-жылы) Кем дарыясына чейин жетип, ал боюнча (дарыя ал убакта тоңуп турган болуш керек) бир канча күн бою кыргыздардын (Килигист ердин) өлкөсүнө жетип, «алардын бүт беш уруусун каратып алган» деген кабар бар (Юань-шиде). Бул сөздөргө карабастан, мергиттер кыргыздардын өлкөсү аркылуу гана өтүп, ал жерде калбаса керек. Чыңгыз хан ошол эле 1207-жылы (коён жылы) букаралыкка өтүп берүү талабы менен кыргыздарга элчилерди жиберген. Бул убакта кыргыздарда каган болгон эмес, кыргыз төрөлөрү инал деген титулду алып жүргөн, кээ бир түрк элдеринде тактын мурасчысы ушундай деп аталган, эч болбогондо инал деген титул каган деген титулдан төмөн болгон. Мындай учурда Рашид ад-диндин сөзү толук түшүнүктүү эмес (текст те сөз кылган болуш керек). Ал убакта эки кыргыз иналы – Еди инал жана Урус инал болсо керек. Чыңгыз хан экөөнө тең элчилерди жиберген, экөө тең букаралыкка өтүүгө макул болуп, экөө бирге жооп катары кыргыз элчилерин жиберген. Бир баяндамага караганда кыргыз элчилери экөө, башка бир баяндамага караганда үчөө болгон. Алар эки көздүү шумкар тартуулашкан (эки иналдан бир гана шумдар тартууланса керек). Юань-шинин маалыматы боюнча кыргыздардын өлкөсүндө ак жана кара шумкарлар болгон.

Мына ошентип кыргыздар адегенде монголдорго согушсуз эле багынып берген. Бирок 1218-жылы (барс жылы) акыры экөөнүн ортосунда согуш болгон. Бул мезгилде Байкалда жашаган тумэт жана байлук деген элдер монголдорго каршы көтөрүлгөн, алар кыргыздардын кошунасы болгондуктан Чыңгыз хан бул көтөрүлүштү басуу үчүн кыргыздардан аскер талап кылган. Кыргыздар бул талапты аткармак турсун, монголдорго каршы өздөрү көтөрүлгөн. Кыргыздарга каршы Чыңгыз хандын улуу уулу Джучи хандын башчылыгы астында аскерлер жөнөтүлгөн. Монголдордун алдыңкы аскерлеринин начальниги Бука кыргыздарды кууп, сегизинчи дарыя аркылуу (ойроттор жериндеги Сегиз дарыянын бири жөнүндө болуп жатса керек) кайра кайткан. Андан кий ин Джучинин өзү келип, муз каптаган Кем-Кемджиют (Енисей) аркылуу өтүп, кыргыздарды багындыргандан кийин кайра кайткан.

Монголдордун кыргыздарды багындырышы жөнүндө дагы бир баян «Монголдордун ыйык тарыхы» деген ат менен белгилүү болгон XIII кылымдагы монголдук баатырдык эпосто бар. Бул булакта Джучинин жортуулу 1207-жылы болгон деп айтылат жана кыргыздардын багынып бериши ушул жортуул менен байланыштырылат. Бул боюнча Джучи ойроттордун өлкөсү аркылуу өтүп, аларды баш ийдирген. Ал кыргыздардын өлкөсүнө келгенде «алардын акими Еди инал да баш ийип, Джучиге ак шумкар, боз ат жана кара калтарларды тартуулаган». Башка токой элдерин баш ийдиргенден кийин Джучи түмөн башчыларын (он миң адамдан турган кол башын) жана токой элдеринин төрөлөрүнө барабар келген миң башчыларын, ошондой эле шумкар ат жана калтарларды алып атасына кайткан.

Джучи хан жөнүндө эскерүү тянь-шандык кыргыздарда да сакталып калган. Джучи жөнүндө уламыш алардын бир убакта Енисейде болгондугунун бирден бир изи болушу мумкүн, ал жөнүндө булардын өздөрү эч кандай эскерүүлөрдү сактап калышкан эмес. Радлов уккан уламышка караганда, кыргыздарда хан болгон эмес. Ошондуктан алар улуу хандын (башкача айтканда, Чыңгыз хан дан) өзүнүн баласы Джучини аларга хандыкка берүүнү өтүнүшкөн. Джучи ал убакта жаш бала болуп, жолдо келатканда куландардын үйүрүнө туш келген жана аны алар алып кетишкен. «Аксак кулан Джучи хан» кыргыздардын биринчи жана акыркы ханы болгон. Джучинин ысмына байланыштуу бул жөнүндө эскерүү, балким, эчак эле унутулган түрк ырларынын калдыгы болушу мүмкүн, мында Чыңгыз хан өзүнүн уулу Джучи өлгөндө мындай деп муңканган имиш: «Кулунунан айрылган куландай кулунумдан айрылдым, тобунан калган өрдөктөй уулумдан айрылдым».

Кыргыздар монголдордун жортуулдарына эч кандай катышпагандыгы жана монгол империясынын батыш бөлүгүн ээлеп турган Джучинин тукумдарынын мамлекетинин составына кирбегендиги белгилүү. Монголия жана Кытай менен бирге кыргыздардын өлкөсү Чыңгыз хандын кенже уулу Тулуйдун жер ээлигинин составына кирген, Тулуй өз атасынын чамгарактуу боз үйүн (ордосун) мураска алууга тийиш болучу, ал эми Чыңгыз хандын көзү тирүүсүндө эле батышта каратылып алган жерлерди анын улуу үч уулу башкарып турган. Тулуй 1233-жылы өлгөн, андан кийин анын жериндеги жогорку бийлик анын жесири Супхуктанинин (ал кераит ханышасы, христианка болгон) колуна өткөн, ал 1252-жылы өлгөн.

Толук баяндалгандыгы жагынан ачыктан-ачык уламышка окшогон, кайсы булактан алгандыгы белгисиз, бирок чындыкка жакындашып кеткен XVII кылымдагы хиванын ханы Абулгазинин жазган аңгемесине караганда, Супхуктани миң адамдан турган отряды бар үч бекти кемеге түшүрүп, көп чоң дарыялар кошулгандан кийин Ангара деңизине куйган жериндеги (Ангаранын куймасы катары каралган Енисейдин чаты жөнүндө сөз болуп жатса керек) өлкөгө жиберген имиш. Ал жерде айланасында көп кыштактары бар Алакчин деген чоң шаар болгон, (бул жерде жылкылары зооттугу, ошондой эле ала түсү менен айырмаланган көчмөн дүк жашаган). Шаарга жакын жерде күмүш кендери болуп, бүт идиштер жана эмеректер күмүштөн жасалган. Бектерге мүмкүн болсо Алакчинди талап-тоноп келүү, эч кандай мүмкүнчүлүк болбосо ал жөнүндө кабар алып келүү тапшырылган. Бир канча убактан кийин бар болгону 300 адам кайтып келген. Алар Алакчин жөнүндө айтылгандардын баары ырас экендигин кабарлашып, өздөрү ал жерде көп күмүш алып келатышып, кийин өз кемелерин таштап кетүүгө, анткени агымга каршы кемени айдоо мүмкүн эместигин айтып келишкен. Адамдардын көп жоготуу га учурашын аба ырайынын жамандыгы жана ысыктыгы (!) менен түшүн дүрүшкөн.

Жылкынын түсүн сүрөттөгөн ала деген сөз, албетте,

Кытайдын бома деген сөзүнө ылайык келет. Эки сөз тең XIV кылымдагы Кытай изилдөөчүсү Ма Дуань-лин-де эске алынат, бирок бул падышачылыкка каршы монголдордун согуш жортуу лу жөнүндө Ма Дуань-линь эчтеке айтпайт. Эгер монголдор чынында эле Енисейдин чатына че йин жетишкен болсо, анда бул жортуул кыргыздардын жардамы жана катышуусу менен гана жасалышы мүмкүн.

Кыргыздар 1251-жылы Тулуйдун улуу уулу Мункэ хандын такка олтурушуна байланыштуу козголоңдор жөнүндө Джувейнинин аңгемесинде да эске алынган. Мында аскер отряддарын туш тарапка жөнөтк өндүк жөнүндө, анын ичинде 20 000 адамдан турган кол Муги ноёндун башчылыгы астында Кыргыз жана Кем-Кемджиют аймактарына жиберилгендиги жөнүндө айтылат. Мункэнин ордуна анын бир тууганы Хубилай такка отуруп, ал Кытайдын бүткүл мейкиндигине монголдордун үстөмдүгүн биринчи жолу бекем орноткон. Юань-шинин маалыматы боюнча, Хубилай 1270-жылы кыргыздардын өлкөсүнө аким катары Лю Хао-ли деген кытайды дайындаган, ал Йиланьчжоуда жашап, Кытайдан кол өнөрчү лөрдү чакыруу аркылуу жергиликтүү маданияттын жогорулашына көмөк көрсөткөн. Мына ошентип, монголдордун убагында 1223-жылы Чань-чун-дан уккандай кыргыздардын өлкөсүндө кытай өнөр жайынын андан ары өнүгүшү болгон. Хубилайдын башкаруусу жөнүндө ал 1293-жылы эле, башкача айтканда, өлөрдөн бир жыл мурда кыргыздардын бир бөлүгүн Маньчжуриядагы Наянь жергесине көчүргөндүгү айтылат.

Монгол империясынын доорунда кыргыздарды түштүк-батыш жакка, азыр алар жашап жаткан өлкөнү көздөй көчүрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар болсо бир кызыкчылык туудурар эле, бирок бул жөнүндө эчтеке жок. Риттер жана анын үлгүсү боюнча Радлов Орто Азия аркылуу өткөн Чан Дэ деген кытай Тянь-Шандын тоолорундагы кыргыздар жөнүндө айткандыгын ырасташат, бирок мындай маалымат Чан Дэде жок. Чан Дэ кара кытайлардын өлкөсүнө (башкача айтканда Чүйдүн жээгине) келгенге чейин кышында чаналарга ат чеккен Ма-а деген жер аркылуу өткөн жана ушул жөнүндө мындай дейт: «Кыргыздар бул үчүн аттардын ордуна иттерди пайдаланышат» деп айтышат. Чан Дэ алыскы түндүктөгү кандайдыр бир элдер сыяктуу кыргыздар тууралуу угуп гана, бирок аларды өзү көрбөгөнд үгү жана алардын өлкөсү аркылуу өтпөгөндүгү мына ушундан көрүнүп турат.

  • кылымдагы европалык саякатчылардын ичинен «кергис» эли жөнүндө Плано Карпини (1246-жыл) эске салат, бирок бул ат кыргыздарга эмес, черкестерге тий иштүү болуш керек. «Кергистерге» каршы аракеттер жөнүндө Түштүк Россиядагы жана мусулмандардын аймагы менен чектеш жердеги аракеттер жөнүндө аңгеме айтылат. Башка бир саякатчы Рубруктун (1253–1254-жылдар) «Керкис» эли жана өлкөсү жөнүндө сөздөрү кыргыздарга карата бир кыйла ачык таандык. Бул өлкө «түндүктө жаткан жана токойлору көп» өлкөлөрдүн катарына киргизилет, башка бир жерде «бир да шаары жок» түндүктөгү элдердин арасында «мал баккан керкистер деген эл» эске алынган, ошондой эле лыжа тепкен «оренгайлар», башкача айтканда, Рашид ад-дин кыргыздардын чыгыштагы коңшулары менен бирге эске алган урянхайлар, кури, баргут жана тумэт элдери аталган. Рубрукка кыргыздардын жапайылыгы жөнүндө апыртылган каңшаарлар жеткен болуш керек, анда келтирилген маалыматтар Енисей кыргыздарына гана тийиштүү болуш керек. Кыргыздар бул мезгилде андан түштүгүрөөк жакта жашагандыгы жөнүндө эч кандай маалыматтарды биз андан таба албайбыз.

Кытайдын материалдык маданияты кыргыздардын арасында зор ийгиликке жеткендиги жөнүндө кабарларга карабастан монгол империясынын доорунда жана андан мурда Монголия менен Кытайда зор ийгиликке жетишкен диний үгүт кыргыздарга таркагандыгы жөнүндө эч кандай маалымат жок. Чыңгыз хандын жортуулуна чейин эле Монголиянын башка элдеринин – наймандардын, кераиттердин жана мергиттердин арасында христ иан дини таркаган болучу, ошол эле убакта Чыңгыз хандын мергут элинен алган аялынын бир тууганынын аты мусулманча Джемаль ходжа болгон, башкача айтканда, ал мусулман болуш керек. Кыргыздардын бул элдер менен коңшу болгондугуна карабастан, аларга христиан же мусулман үгүтү таркагандыгы жөнүндө эч кандай маалыматтар жок.

  • жана XV кылымдардагы авторлор кыргыздар жөнүндө дегеле эске албаса керек. Мага XV кылымдагы авторсуз тарыхый чыгармада кыргыздар жөнүндө кокусунан гана эске алуу туш келди, ал «Искендердин аноними» деп аталган Улугбек жөнүндөгү менин изилдөөмдө айтылган. Анда Сыр дарыянын төмөн жагында (XIV кылымда) акимдик кылган Джучинин тукумдарынын чыгыш канатынын хандарынын бири жөнүндө айтылат, ал өз хандыгынан куулуп, эки жарым жыл бою кыргыздардын өлкөсүндө жана Алтайда тентип жүргөн, Кыргыздардын өлкөсү менен катар Алтай жөнүндө эскерүү кеп Енисей кыргыздары жөнүндө жүрүп жатат деп болжоого алып келет.

XVI кылымда гана кыргыздар өздөрү азыр жашап жаткан жери жөнүндө биринчи жолу эске алынат, бирок алар ал жакка кандайча жана качан көчүп келгендиги жөнүндө эч кандай маалыматтар жок.

V БАП

ТЯНЬ-ШАНДЫК КЫРГЫЗДАР XVI–XVII КЫЛЫМДАРДА

Тянь-Шань тоолорундагы кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды мен 1898-жылы эле басылып чыккан «Жети-Суунун тарыхынын очерктерине» чогулткамын, ал «Жети-Суу областынын эстелик китебине» кирген. Башкы булак – 1540-жылдарда түзгөн мырза Хайдердин «Тарих-и Рашиди» болгон (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчи бөлү гүнөн мурда 1541–1544-жылдарда жазылган). Андан ки йинки мезгилдер жөнүндө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда көбүрөөк айтылган, алардын ичинен эң башкысы – Исмаил хандын (1670–1682) тушунда перс тилинде түзүлгөн Махмуд Чурастын эмгеги. «Жети-Суунун тарыхынын очерктерин» жазып жаткан убакта бул эмгек мага али белгисиз болучу.

Жети-Суу деп адегенде Иле дарыясынан түндүк жактагы аймактар гана аталган, Иледен түштүк жактагы тоо аймагына бул ат орустардын убагында гана таркатылды. Бул тоо аймагынын жана анын калкынын монголдордун үстөмдүгүнүн доорундагы тагдыры жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат жок, ал монголдор Орто Азияда түзгөн мамлекеттин составына кирген, мында XIV кылымдын башында Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатайдын тукумдарынын үстөмдүгү биротоло орногон. Чагатай деген ат мамлекеттин өзүнө, анын аскердик күчүн түзгөн көчмөн дөргө жана Чагатай хандары бийлигин жоготкондон кийин ошол эле мамлекетте жогорку өнүгүүгө ээ болгон орто азиялык түрк адабий тилине берилген. Ошол эле тоолуу өлкөдө, Ысык-Көлдө Чагатай хандарынын бири Эсен-Букинин кышкы ордосу болгон, ал 1309-жылдан 1318-жылга чейин хандык кылса керек, бул ордону, ошол эле хандын жайкы ордосун Кытай менен Монголияны ээлеп турган улуу хандын (Тулуйдун тукумунан) аскерлери чаап алган. 1340-жылдарда Чагатай державасы эки айрым мамлекетке – батыш (буга Бухара, Самарканд жана башка шаарлар менен кошо Түркстандын эски маданий аймактары кирген) жана чыгыш мамлекетке бөлүнгөн. Чагатайдын тукумунан чыккан хандар чынында чыгыш мамлекетинде акимдик кылышса да Чагатай деген ат батыш мамлекетинде жана анын калкында сакталып келген. Батыш бөлүгүндө XIV кылымдан XVI кылымдын башына чейин Тимур жана анын тукумдары акимдик кылган, андан кийин бийлик батыштан келген өзбектерге өткөн. Чыгыш мамлекетинин калкы өздөрүн монголдор же орто азиялык айтылыш боюнча моголдор, ал эми өзүнүн өлкөсүн моголистан деп аташкан. Моголистандын түштүк чет жакасын Фергананын чыгыш чек арасынан тартып Турфанга чейин, Кытай Түркстанынын маданий областтары, түндүк чегин – Балхаштан чыгышты көздөй кеткен талаа түзгөн. Кээ бир жерлерде «Тарих-и Рашиди» Моголистандын чек арасын андан ары чыгышты көздөй жылдырат, анткени Моголистандын дарыяларынын катарына ал түгүл Иртыш да киргизилген. Түштүктө Кашкардын маданий областтары дайым эле Моголистанга киргизилген эмес, ошондуктан Кашкардан Моголистанды көздөй же андан кайра Кашкарды көздөй кыймылдар жөнүндө айтылгандыгын көрөбүз.

Ысык-Көлдөн түштүктү карай Жети-Суунун бир бөлүгү Ферганадан тартып, Куча жана Черченге чейинки Кытай Түркстанынын областтары менен бирге түрктөшүп кеткен монгол уруусу дуглатка таандык болгон Манглай-Субенин областынын составына кирген (ушул эле ат азыр казактардын дулат деген уруусунда сакталып калгандыгы белгилүү). Өзү дуглаттардын төбөлдөр үй-бүлөсүнөн чыккан «Тарих-и Рашидинин» автору анын ата-бабасы Манглай Субени Чагатайдан алган деп ырастайт.

Дуглаттык бектер монгол хандары менен бирге Тимурга каршы айыгышкан күрөш жүргүзүүгө тийиш болгон. Тимурдун жортуулу жөнүндө бизге бир кыйла толук баян жеткен, бирок бул баяндарда да, Улугбектин жана Тимурдун башка тукумдарынын жортуулдары жөнүндө баян дарда да кыргыздар жөнүндө маалымат жок. Кыргыздар биринчи жолу 1503–1504-жылдардын кышында болгон окуя лар жөнүндө баянда аталган. Ушул кышта Ак-Суу шаарында монголдордун ханы Мед дүйнөдөн кайткан, анын ордуна уулу Мансур отурган. Анын бир тууганы Султан-Халил Мансур менен касташып, ал Моголистанга барып ал жердин «жапайы арстандары» деп эсептелген кыргыздарга кошулган. Кыргыздар аны өздөрүнүн акими кылып алган. Ошол эле жакка кийинчерээк анын башка дагы бир тууганы Султан-Саид кетет, ал мурда Фергананын чыгыш чек арасында, Ясы ашуусуна баруучу жолдогу, Жетикентте жашаган. 1508-жылы бул эки бир тууганды Мансур хан талкалайт. Султан-Халиль ал убакта өзбектерге таандык болгон Ферганага качат. Султан-Саид көп окуяларды башынан өткөрүп, ошол эле жылы Кабулга кетет. 1511-жылы өзбектер бир аз убакытка Самарканддан жана башка областтардан перстер жана алардын колдоосунан пайдаланган Тимурдун тукуму Бабур тарабынан куулганда Султан-Саидди Бабур Ферганага жиберип, кийин ал Кытай Түркстанын каратып алган.

Кыргыздар жөнүндө Мансур хан аларды Кара-Шаарга жана Турфанга көчүрүп кеткендиги айтылат. Кыргыздар Моголистанда болгон бардык козголоңдордун күнөөкөрлөрү катары эсептелип, көп бөлүгү кырылат. Бир азы гана Моголистанга кайтып келген. Мансур хандын өзүнүн Кара-Шаар менен Турфанга кетип калышы дуглаттардын кысымы астында болгон, дуглаттардан чыккан мырза Абу Бекр ал убакта (1480–1514) Кашкарда акимдик кылып турган. Анын акимдигинин акыркы жылдарында аскер күчтөр үнүн кол башчысы Мир Вали монголдор менен кыргыздарды Моголистан жана Ак-Суудан сүрүп чыккан. Андан кийин кыргыздарга Ысык-Көлдүн түштүк жа гына көчүп кетүүгө уруксат берилген. Бул Мансур хандын куугунтугунан Кара-Шаар менен Турфандан качып чыккан кыргыздарга тийиштүү болсо керек.

Мырза Хайдердин пикири боюнча кыргыздар монголдор кирген элге таандык болуп, монгол хандарына каршы көп көтөрүлүш чыгаруунун натыйжасында гана монголдордон бөлүнүп кеткен. Мындан тышкары монголдор ислам динин алып, кыргыздар бутпарас дининде кала беришкен, мунун өзү да алардын ортосунда кастыкты туудурган. Акыркы маалыматтар анчалык так эмес, бир канча убакыт бою кыргыздардын башында элдин өзүнүн чөйрөсүнөн чыккан акимдин аты Мухаммед болгондугун көрүп турабыз. Бирок башка бардык маалыматтарга караганда кыргыздар ошол убакта жана андан кийин көп мезгил бою мусулмандар болуп эсептелишкен эмес. Алар сырткы түрүнөн да мусулманга окшош болбосо керек. Мына ушундан XV кылымдагы монгол хандары, өзгөчө 1416-жылы өлгөн Мухаммед хан ислам динин таркатууга канчалык аракеттенсе да күчү жеткен эмес деп корутунду чыгарууга болот, ал түгүл Мухаммед хан өзүнүн бардык букараларын чалма оронуп жүрүүгө мажбурлаган, көнбөгөндөрдүн башына мык кактырган. Ошондой болсо да Мухаммед хандын ээликтерине кийинчерээк кыргыздар жашаган жерлер да кирген. Чатыр-Көлдүн түндүк жээгиндеги Таш-Рабаттын имаратын ошол курдурган деп айтып жүрүшөт.

Мырза Хайдер кыргыздардын көчүп келгендиги жөнүндө эчтеке билген эмес, ошондуктан өзү көргөн өлкөдө алар эчактан бери, жок эле дегенде монголдор келген убактан бери жашап жатышат деп болжосо керек. Тимурдун жортуулдары жөнүндө баянда кыргыздар жөнүндө маалыматтардын толук жоктугуна карабастан «түрк урууларынын жана элдеринин этникалык составы» жөнүндө изилдөөлөрдүн автору Н. А. Аристов «Тарих-и-Рашиди» боюнча «бул эл XVI кылымдын башында жергиликтүү калк катары Батыш Тянь-Шанды ээлеп турган, кара кыргыздар (XIV кылымда) өздөрүнүн азыркы жерлеринде болгон» дегенге терең ишенет. Аристов андан ары барып, «кыргыз уруусуна», анын пикири боюнча, «Христ төрөлгөнгө чейинки III жүз жылдыкта Танну-ола менен чыгыш Батыш Тянь-Шандын ортосунда көчүп жүргөн усундардан тартып Батыш Тянь-Шандын мурунку уруулары да таандык экендигин далилдөөгө аракет кылат… Бул жерден хунндарга баш ийген усулдар Христ төрөл гөнгө чейинки II кылымдын ортосу ченде Батыш Тянь-Шанды көздөй жылган. Аристовдун пикири боюнча, усундардын «чыныгы элдик аты дайыма кыргыз болгон».

XVI кылымга чейинки Батыш Тянь-Шанда кыргыздар жөнүндө маалыматтардын толук жок экендигинен тышкары бул кыргыздарга XVI кылымда деле ислам жана мусулман маданияты жат болуп келгендигинин фактысы бул пикирлерге каршы чыгат. Мына ушундан алардын Батыш Тянь-Шанда XVI кылымда болушу кыргыздардын улуу державалык доорундагы окуялар менен байланышы жок деген корутунду чыгарууга болот, бул убакта чынында кыргыздардын таасири Батыш Тянь-Шанга чейин таркаган. Кыргыздар улуу державалык кубаттуулугунан ажырагандан кийин түштүк-батышта эч кандай кыргыздар калбаса керек. Кыргыздар Орто азиялык монголдор исламды кабыл алган доордо бул жерде болгон дегенге да ишенүүгө болбойт. Кыргыздар өздөрүнүн түштүктөгү коңшулары бүтпарас дининдеги ойроттордун же калмактардын батышты көздөй жортуулуна катышкан деген маалымат чындыкка бир аз жакын. Тарих-и-Рашидиден жана башка булактардан көрүнүп тургандай, калмактардын Моголистанга жортуулу 1420-жылы башталган жана 1470-жылдарда убактылуу токтогон, бул убакта калмактар Моголистанды тазалап, өз өлкөсүнө кайтып келишкен. Мансур хан гана өзү Кара-Шаар менен Турфандан сурүлүп чыккандан кийин кайрадан калмактар менен согушууга тий иш болучу. Балким, калмактардын жортуулуна кыргыздардын кээ бир уруулары катышып, бул кыргыздар калмактар кеткенден кийин батышта, Тянь-Шанда калып калышы ыктымал, бирок бул жөнүндө булактарда эчтеке айтылган эмес.

1514-жылы Султан-Саид хан Кашкарды басып алып, мырза Абу Бекрдин бийлигин жок кылган. Бул күрөштө ага кыргыз Мухаммед зор кызмат көрсөткөн, бул үчүн ал хандан көп белек алып, Моголистанга жөнөтүлгөн, бул жерде ага бардык кыргыздар баш ийген. Мухаммед Түркстанга, Сайрамга жана Ташкенге дайыма кол салып турган. Түркстанга жортуулдун убагында ал өзбектердин ханзаадасы, ал убакта Самаркандда акимдик кылып турган Кучкунчи хандын уулу Абдулланы колго түшүрүп алып, бирок бошотуп жиберген. Бул үчүн Султан-Саид хан Мухаммедге ачууланып, 1517-жылдын күзүндө кыргыздарга жортуулга чыккан. Тарихи-и-Рашидинин дагы бир башка жеринде хан, мусулман катары кыргыздарды мусулман шаарларын талап-тоноп алгандыгы үчүн жазалагысы келген деп айтылган. Ысык-Көлгө Барскоон суусу куйган жерде Мухаммед талкаланып туткунга түшөт да, аны Кашкарга алып кетишет, ал жактан хан кыштын башында кайра келген.

Андан бир аз мурдараак ошол эле өзбек ээликтерине (Сайрам, Талас жана Ташкенттин чет жакасына) казактардын ханы Касым кол салган, анын кышкы ордосу Караталда болгон. Мына ушундан кыргыздар белгилүү мезгилге чейин күч же келишимге келүү аркылуу (бул жөнүндө булактарда сөз жок) өздөрүнүн көчмөн жайыттарын казактардын жергесине да таркаткан деп корутунду чыгарууга болот. Кубаттуу Касым хан бул убакта али тирүү болучу (ал 1518-жылы өлгөн). Кыргыздарга карама-каршы келип казактар мусулмандардын, өзбектердин чөйрөсүнөн чыккан жана өзбектердин ханы Абулхайрдан (1468-жылы өлгөн) бөлүнүп, монголдордун ханы Эсен-Букинин (1431 – 1462-жылдар) колдоосуна таян ып, Чүйдүн жээгине көчүп келишкен. Мына ошентип, адегенде казактар менен кыргыздардын ортосунда жалпы эчтеке болгон эмес, андан кийин бул эки эл кыска мезгилге жалпы саясий турмушта жашаган.

Султан-Саид хан Моголистанга өзүнүн бир тууганы Султан-Халилдин уулу Бабасултанды жибермекчи болгон (1508-жылы атасы өлтүрүлгөндө бул ханзаада али кичинекей болучу), бул ойду ханга ханзааданын тарбиялоочусу кожо Али-бахадур айткан. Бирок кожо өлгөндөн кийин (өзүнүн диний наамына карабастан ал ичкиликти көп ичкен) Баба султандын ордуна 1522-жылы хандын өзүнүн уулу Рашид (чынында Абдар-Рашид) Моголистанга жиберилет. Аны менен бирге туткундан бошотулган жана өз элинин башына кайра хандыкка коюлган Мухаммед жиберилген. Ал өзүнүн акимдигине кыргыз элинин көпчүлүк бөлүгүн бириктире алган.

Бирок 1524-жылы кыргыздардын өлкөсүнө казактардын ханы Тахир (Касымдын аталаш иниси) келген. Тахир адегенде Рашид менен союздаш болуунун жолун издеп, Рашиддин Кочкордогу ордосунда кабыл алынган жана ага өзүнүн карындашын күйөөгө берген, бирок кийин алардын ортосунда араздашуу болгон, анткени Тахир кыргыздардын бир бөлүгүн өз тарабына тартып алган. Казактар менен болгон карым-катнаш жагынан Мухаммед да айыпталып, аны кайрадан Кашкарга алып кетишкен. Султан-Саид хан өлгөндөн кийин (1533-жыл) ал кайрадан туткундан бошотулуп, бирок анын өз элине кайтып келген-келбегендиги белгисиз. Кыргыздар Тахир хандын букаралары болуп кала берген, алар зулумдугу үчүн өз ханын таштап кеткен казактарга караганда бир кыйла ишенимдүү болушкан. Тахирга кошулууга үлгүрбөгөн кыргыздардын бир бөлүгүн монголдор Ат-Башыга көчүрүп кеткен, 1526-жылы монголдор Тянь-Шандан көчүп, өздөрү менен кошо кыргыздардын 100 000 коюн айдап кеткен, кийинчерээк бул жортуул «кой жортуулу» (кой черики) деп аталган. XIX кылымда кийинчерээк 1866-жылдын 5-апрелиндеги мурзарабат иши (Романовскийдин башчылыгы астында орустардын көп короо койлорду айдап кетиши) да «кой жортуулу» деп аталып калган. 1527-жылы жазында Ат-Башыга Тахир келип, ал жерден кыргыздарды монголдун ханы калтырып кеткен жылкылары менен кошо кайра алып кеткен.

Өз атасынан мурастыкты алып калган Рашид хан (ал 1533-жылдан 1560-жылга чейин хандык кылса керек) монголдордун үстөмдүгүн Кашкардан түндүк жактагы тоолорго калыбына келтирүүгө аракет жасаган, бирок бекем ийгиликке жетишкен эмес. 1537–1538-жылдары ал Тахирдин бир тууганы, казактардын ханы Тугумду талкалаган. Тугум менен кошо казактын 37 төрөсү өлгөн. Мына ушундан кийин бир канча жыл өткөндө жазган мырза Хайдер эч бири калбастан бүткүл казак эли өлгөн деп эсептеген. Рашид Моголистанда өзүнүн уулу Абд алЛятифти калтырган, бирок мындан көп убакыт өтпөй монголдор Касымдын уулу, казактар менен кыргыздардын ханы Хакк-Назар тарабынан талкаланган. Махмуд Чурастын баянына караганда, ханзаада Абд ал-Лятифтин өзү жарадар болуп, туткунга алынган жана жеңүүчүнүн ордосунда кадыр-барк менен кабыл алынган, бирок көп убакыт өтпөй жаратынан каза болгон. Тез эле ийгилик Рашид хандын тарабына өткөн. Рашид хан ташкенттик Нау-руз-Ахмед хан менен союзда болуп Артыштын жанында Хакк-Назарды талкалап, мында Хакк-Назардын өзү жана аны менен бирге «асабалары менен кошо алты төрө» өлгөн, мындан кийин казактар асабаны пайдаланбай калышкан деген маалымат (Кашкардык авторлордун биринде) бар. Акыркы факт жөнүндө өзбек авторунда да (XVII кылымда Балх та жазган) эске алынат, мунун сөзүнө караганда, казактардын башында башка адам (Тахирдин бир тууганы Буйдаш хан) турган жана салгылашуу башка бир жерде (Ысык-Көлдө) болгон. Бул баянга караганда жеңип алуучулар тогуз асабаны колго түшүрүп алган. Рашид хандын Ысык-Көлгө жортуулу жана ал жерде анын ташкенттик Нау-руз-Ахмед менен жолугушуусу башка бир булакка караганда 951/1544–45-жылдарга таандык. Башка баяндарда бул дата жок. Махмуд Чурас Рашид хан менен болгон согушта Хакк-Назардын өлүмү жөнүндө бир аз башкача баяндайт. Анын баяны боюнча, хан өзүнүн жортуулунун астында диний акими Мухаммед-Шериф менен бирге бир канча мазарда, анын ичинде Кашкардагы биринчи мусулман ханы Сатук Богра хандын күмбөзүндө болгон. Андан кийин ал казактар менен кыргыздарга каршы жортуулга чыгып, үч ай өткөндөн кийин гана душманды Эмилден жолуктурган. Ал жерде душмандардын бекем чебин курчап жатып алып, Хакка-Назар ханды жана башка төрөлөрдү туткунга түшүргөн. Алардын баары хандын буйругу боюнча өлтүрүлгөн (Рашид хандын бул жоругу Абд аль-Лятиф жеңилгенден кийин Хакк-Назардын айкөлдүгү менен салыштырууга себеп берген). Рашид хан үч күн бою Эмилде болуп, ал жактан жети асаба алып келген, мына ошондон кийин казактардын ханында асаба болгон эмес. Буйдаш хандын талкаланышы жана өлүмү жөнүндө Чустан чыккан ферганалык Лутфулла деген шайыктын (бул шайык 979/1571–72-жылдары өлгөн) өмүр баянында айтылган. Бул булактын маалыматына караганда Буйдаш өзбектер Түркстанга жортуул жасаганда 967/1559–60-жылдары каза болгон.

Бирок казактар да, кыргыздар да бул жеңилиштен узак мезгил бою начарлап калган эмес. 1558-жылы Түркстанда болгон англичанин Дженкинсон ошол убакта казактар Ташкентке, ал эми кыргыздар Кашкарга кайрадан коркунуч туудуруп жатат деп уккан. Бул сөздөрдөн ХаккНазар өлгөндөн кийин казактар менен кыргыздар эми бир мамлекетти түзбөй калган деп корутунду чыгарууга болот. Бул эл ошондон бери бир хандын бийлиги астына биригишкендиги белгилүү.

Кыргыздар Кашкардан башка Ферганага да кол салып турушкан. Жогоруда айтылган Лутфулла шайыктын өмүр баянында кыргыздар Ахсекет жергесине өзүнүн жортуулдарынын биринде дербиштерге таандык болгон койлорду айдап кетип, андан кийин кечирим сурап кайра беришкендиги айтылган. Алар «кудай адамдарына» ферганалык мусулмандардан да көбүрөөк урмат көрсөтүшөрүн кошумчалашкан. Башка шайыктар сыяктуу эле Лутфулла шайык көчмөндөрдүн арасында исламды таркатуу жөнүндө кам көргөн, анын шакирти Мухаммед деген казак казактардын арасында гана эмес, кыргыздардын арасында да дин үгүтүн жүргүзгөн. Мындай үгүтчүлөр жаңы мезгилге чейин талааларга барып турган, алардын таасири астында көчмөндөр ислам дининин ырым-жырымдарын кабыл алуу жагынан мусулман гана болбостон, алар шайыктарды урматташып, аларды олуялар катары эсептешкен.

Бир бийлик астына убактылуу бириктирилгендигине карабастан, кыргыздар XVI кылымдын экинчи жарымында деле эч болбосо казактар сыяктуу мусулмандар деп эсептелген эмес. Осмон түркү Сейфинин Орто Азия жөнүндө чыгармасы 1582-жылга таандык, анын сөзүнө караганда, казактар ханифит багытындагы мусулмандар болушкан, ал эми кыргыздар «капыр да, мусулман да» болушкан эмес. Мырза Хайдер сыяктуу эле, Сейфи кыргыздарды монголдордун туушкандары деп эсептеген. Кыргыздар адам жеткис жерлерде жашаган, душман кол салган учурда алар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн тоонун түпкүрүнө жиберишип, өздөрү капчыгайлардын ооздорун коргоп турушкан. Өлгөндөрдүн сөөгүн табытка салып, бийик карагайлардын бутактарына илип коюшкан (бул кабар енисейлик кыргыздар жөнүндөгү бир кыйла илгерки жазуу жүзүндөгү маалыматтардан алынса керек). Кыргыздарда падыша (хан) болгон эмес. Аларда бектер гана болгон, аны «кашка» деп аташкан (бул титул көбүнчө калмактарда жолугат).

Ал түгүл XVII кылымда фарс тилинде жазган өзбек тарыхчысы Махмуд ибн Вели кыргыздарды капырлар деп атайт. 12 000 түтүндөн турган бул кыргыздар хижиранын 1045-жылынын раджабында (1635-жылдын 11-декабрынан 1636-жылдын 9-январына чейин) Кара тегин аркылуу Хисарга келишкен. Алардын башында 12 кол башы болуп (100 түтүнгө бирден болсо керек), алар кийинки айда, шабанда (10-январдан 7-февралга чейин) Балхтагы өзбек ханы тарабынан кабыл алынган. Мурда алар ишенбестиктин, адашуунун жана наадандыктын күндөрүн өткөрүшкөн (өлкөгө өзбектер келгенден кийин алар мусулман динин алышса керек). Мына ушул окуяга кыргыздардын Каратегинге көчүп баргандыгы байланыштуу болушу мүмкүн, бул жерде кыргыздардын бир кыйла саны ушул убакка чейин жашап жатат. Каратегин узак убактар бою кыргыздарга таандык болуп, аны жакында эле тажиктер кайра ээлеп алган деген уламыш бар, эми кыргыздар ал жерде азчылыкты түзөт (акыркы маалыматтар боюнча, алар 8000ден бир аз ашуун , ал эми тажиктердин саны 173 488, башкача айтканда, кыргыздар бар болгону 4 процентин түзөт).

Махмуд Чурас XVII кылымда кыргыздар менен монголдордун ортосундагы дагы бир канча кагылышуулар жөнүндө баяндайт. Мухаммед хан өлгөндөн кийин (1610-жыл ченде) Кашкариядагы козголоңдордун убагында Тилеке бий менен Бай-Бото Каранын башчылыгы астында 5000 кыргыздан турган отряд Уча менен Аксууга кол салган. Жортуулдун убагында алар бөлүнүп кеткен: Тилекеде 2000 адам, Бай-Бото Карада 3000 адам болгон. Бай-Бото Караны Тимур султандын (Мухаммед хандын небереси) аскерлери талкалап, ал 2000 адамынан ажыраган, калган 1000 адамы соотторун мойнуна илип, багынгандыгын билдирип султанга келишкен. Тилеке да белектер алып келип, кечирим сураган. Султан баарына кечирим берип, коё берген. Бул Мухаммед хан өлгөндөн кий ин көп убакыт өтпөй эле болгон, анткени султан өзүнүн чоң атасы өлгөндүгү жөнүндө кыргыздардан гана уккан. Башка бир маалыматтарга караганда, кыргыздар Учаны талап-тоноого үлгү рүшүп, аларды монголдор Янги-Арт ашуусунун түбүндө кууп жеткен.

Монголдор менен кыргыздардын ортосундагы кайра кагылышуу 1620-жылдарда Анак хан деп аталган Абд альЛятиф хандын (1037/1627–28-жылдарда өлгөн) убагында болгон. Кыргыздар Шахназ айылын талап-тоноп алышып, хан алардын артынан түшүү үчүн кошун жиберген, бирок кыргыздар бул кошунга буктурма уюштуруп, ага чоң зыян келтирген. 1630-жылдардын башында Кашкарда болгон өз ара согуштардын убагында кыргыздардын такка отурууга атаандаштардын бири Махмуд султанга жардам көрсөткөндүгү жөнүндө айтылат, бул султан кийин Кылычхан деп аталып кеткен.

Кыргыздар Абдулла хандын узакка созулган падышачылыгынын (1048–1080/1638–39/1669–70) тарыхында бир канча жолу эске алынган. Өзүнүн падышачылыгынын башталышында хан Ошко ийгиликтүү жортуул жасаган. Кайра келатканда кыргыздар хандын артынан кууган, бирок жеткен эмес, анын эсесине Бешбуйнак деген жерде бир канча монголдук акимдерге катуу сокку урган. Кыргыздардын Уча менен Аксууга кол салуусунун мизи майтарылат. Кийинки жылы хан Аксайда жашаган кыргыздарга жортуул жасайт, ал жердеги кыргыздардын башында Тилекенин уулу Койсары менен Йол-Булды турган. Жортуул Аксай жортуулу (Аксай черики) деп аталган, бирок ал ийгиликке жетишпесе керек, анткени анын натыйжалары жөнүндө эч нерсе айтылбаган. Мына ушундан кийин кыргыздар кайрадан жортуулга чыгып, монголдук аскерлерди талкалайт, кийин өздөрү талкаланып, бирок өзүнүн бир тууганы Ибрахимдин баатырдыгынын аркасында гана аман калган ханга коркунуч туудурууну уланта беришкен. Андан ары Абдулланын Анжиянга жасаган эки жортуулу жөнүндө айтылат, алардын биринчисинде ийгиликке жетишип, экинчи жортуулу ордунан чыккан эмес, экинчи жортуулга кыргыздар катышкан.

Хан өзүнүн мамлекетинде бейкуттукту орноткондон кийин кыргыздар гана тынчы жок эл бойдон кала берген, төрөлөрдүн кеңеши боюнча хан аларды кырмак болот (хандын кызматындагы кыргыздар жөнүндө сөз болуп жатса керек). 10 000ге чейин адам өлтүрүлөт. Мында кыргыздарды Монголистандын токойлорунун арстандары (бул сөз Тарих-и-Рашидиден алынган) деп аташкан, бирок ошол эле убакта кыргыздар туруксуздугу менен айыр маланган. Хандын Ат-Башы менен Аксайга жортуулу жөнүндө баянда калмактар жөнүндө гана айтылган, ал убакта кыргыздар ал жерде жок болсо керек. Кыргыздарды кыргандыгына карабастан хан кайрадан аларды өзүнүн кызматына чакырат, кыргыздар Кашкарда жана Аксуу да кайрадан кадыр-баркка ээ болот. Эгерде аларда бирөө менен кандайдыр бир болбогон нерсе боюнча араздашуу чыкса, хан андай адамды өлтүрүп, анын мүлкүн алып коюуга уруксат берген. Хандын уулдары Нур ад-дин менен Йолбарс ортосундагы (атасынын көзү тирүүсүндө) күрөштүн убагында хандын кызматында Чумак бек деген кыргыз болгон. 1680-жыл ченде хан Меккеге жөнөг өн. Бул убакта анын жан-жөкөрлөрүнүн көпчүлүк бөлүг үн кыргыздар түзгөн. 200 кыргызды ал өзүнүн атасы менен касташкан Йолбарсты куугунтуктоого жиберген, атасы жөнөп кеткенден кийин ал Кашкарга бир канча жыл бою акимдик кылган. 1680-жылдардагы жаңы козголоңдордун убагында кыргыздар Кашкарды басып алып, бир аз убакытка Яркендди да ээлеп турушкан, бирок кийин кайра ээлеп алууга жасаган аракети ордунан чыккан эмес.

Көп убакыт өтпөй Кашкардагы жана дегеле Орто Азиядагы үстөмдүк калмактарга (ойротторго) өткөн. Кыргыздарды калмактар атагандай, буруттар менен кагылышуу жөнүндө калмактардын тарыхында 1683-жылдын күзүндөгү окуялар туур алуу баянда айтылат. Калмактардын Енисейдеги кыргыздар менен да катнашы болгон, XVII кылымда Енисейде орустар пайда болот, натыйжада енисей кыргыздары жөнүндө кээ бир маалыматтарды алабыз, кыргыздардын XIV, XV жана XVI кылымдардагы тагдыры жөнүндө, менин оюмча, бир да тарыхый булак эч кандай маалымат бербейт.

VI БАП

ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ XVII КЫЛЫМДА

Орустардын Сибирди, анын ичинде Енисей кыргыздарынын өлкөсүн каратып алышынын тарыхына борбордук жана сибирдик архивдерден алынган көп эмгектер жана ушул документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган. Енисейде оруст ардын таламы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан XVII кылымдагы кыргыздардын тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөө менен байланыштуу. Профессор Котвичтин «XVII жана XVIII кылымдарда ойроттор менен карым-катнаштар боюнча орустун архив дик документтери» деген жакындагы (1921-жылдагы) изилдөөсүнөн көрүнгөндөй бул маселеге тийиштүү материал али толук белгилүү боло элек. Сибирди каратып алуунун тарыхы боюнча эң илгерки жана баалуу изилдөөлөрдүн бири Герард Фридрих Миллердин «Сибирь падышачылыгынын жана анда болгон бардык иштердин сүрөттөмөсү» (1750) деген китеби болуп саналат. Эң соңку тарыхый изил дөөлөрдүн арасында енисей кыргыздары жөнүндө профессор Н. Н. Козьминдин «Хакастар» деген атайын эмгеги (1925) бар. Енисейлик кыргыздар ал убакта бир мамлекетке бириккен эмес. Н. Козьминдин изилдөөлөрүнүн маа лыматтарына караганда, кыргыздардын төрт башкы хандыгы болгон: Туба хандыгы (Тубе дарыясы боюн ча, Красноярск уездинде жана Енисейдин сол жээги боюнча Абаканга чейин), Езер хандыгы (Абакандан түндүктү карай Батенево тоо кыркасына чейин Енисейдин сол жээги боюнча), Алтыр хандыгы (Езерскиден батышты жана түштүк-батышты карай) жана Алтысар хандыгы (Езерскиден түндүктү жана түндүк-чыгышты карай). 1618-жылдагы Иван Петлиндин элчилиги жөнүндө баянга караганда Томскиден кыргыз жергесине чейин «адеттен катуу жол жүргөндө он күндүк жол», кыргыз жергесинен Абаканга чейин алты күндүк жол, Абакандан Кемчикке чейин тогуз күндүк жол, Кемчиктен чоң көлгө чейин, башкача айтканда, Убсыга чейин үч күндүк жол. Петлинге чейин 1616-жылы кыргыз жерлери аркылуу Василий Тюменец жана Иван Петров өткөн. Кыргыздардын жеринин акими катары Немек төрө (Петлинде Немей деп аталат) эсептелген, ал бийликти атасынан алган. Немектин кол алдында Номча жана Кора деген эки мыкты төрө болгон. Кыргыздардын жергесинен ары карай «Табындардын жери» – Тюменецтин сөзүнө караганда бул – «ошол эле кыргыздардын жери, бирок бөлөк жашап, салыкты кыргыз жерине жана Алтан падышага төлөшөт». Мында Батыш Монголиянын ошол убактагы акими туметтик Алтан хан жөнүндө сөз болуп жатат. Иван Петлин кыргыз жеринен, башкача айтканда, Немектин ордосунан Алтан хандын жергесинин чек арасына чейин «жарым күн» гана жол жүргөн.

Жогоруда айтылгандардан Козьминдин китебинде сөз болгон төрт хандыктын ичинен Тува хандыгы башка үчөөнөн айрым каралган жана ал обочо турмушта жашаган деген корутунду чыгарууга болот. Тюменецтин сөздөрүнөн маданият жагынан тувалыктар башка кыргыздардан төмөн тургандыгы көрүнүп турат. Аларда уй да, кой да болгон эмес, жылкы менен бугу гана болгон. Бүткүл кыргыз жеринин улуу төрөсү катары орустар Алтыр ханын эсептешкен. Биз өзүбүз көрүп тургандай, башкаларга караганда орустар менен мурда карым-катнаш түзгөн Номча алтысардык хан, демек, кора-езердик хан болгон. Бүтүндөй алганда кыргыз элинин маданий деңгээли ал убакта анчалык жогору эмес, XIII кыл ымга караганда бир кыйла төмөн болгон. Кыргыздар: «Балык жеп, айбанатты атып алышат, ал эми кыргыздардын куралы жаа, жылкылары менен уйлары көп, бирок эгин эгишпейт», –деп айтылган. Маданияттын төмөн дөп кетиши монгол империясынын доорунда гүлдөгөн кербендик сооданын төмөндөп кетиши менен түшүндү рүлүшү мүмкүн.

Енисейск (1618-жыл) жана Красноярск (1627-жыл) негизделгенге чейин эле кыргыздар орустар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 1604-жылы негизделген Томскиге келип турушкан. Бир маалыматтар боюнча 1606-жылы, башка бир маалыматтар боюнча 1608-жылы Томскиге кыргыз хандары Номча менен Кочебай өзүнүн кызмат адамдары менен бирге келишкен. Алардан ант алып, барымтага Номчанын аялы менен Кочебайдын уулун (мында Номчанын аялы Кочебайга каршы бузукулукту уюштурган) Томскиде калтырып, өздөрүн коё беришкен. Номча «Алтан падышага жана Кытай мамлекетине барууга» тапшырма алган, бирок ал аны ки йин аткарган эмес, ал эми Кочебай «Кыргыз хандары: Ноянды, Комкуну жана Обрайды падышага баш ийдирүүгө» тийиш болгон. Көп убакыт өтпөй араздашуу болуп, Томскинин жаңы воеводасы Номчанын аялынын суусар ичигин тартып алган. Мунун натыйжасында Номча «ачууланып» орустарга кас болгон жана өзүнүн кастыгын Россиянын букаралыгындагы чулымдык татарларга кол салуу менен көрсөткөн. Кыргыздар менен согуш башталып, бул согуш келишимдер менен кыска убакытка гана токтолуп турган. Г. Ф. Миллердин сөзүнө караганда, «россиялык тараптан канчалык аракет болсо да кыргыздарды таптакыр баш ийдире алышкан эмес».

1614-жылы кыргыздардын Томск уездине кол салгандыгы, 1615-жылы орустардын кыргыз жергесине биринчи, ордунан чыкпаган жортуулу жөнүндө баян бар. Ошого карабастан Василий Тюменец менен Иван Петров 1616-жылы, Иван Петлин 1618-жылы кыргыз жергеси аркылуу Монголияга эч бөгөтсүз жиберилген, мында Немек хан, Петлиндин айтканына караганда, ошол убакта эле «улуу падышанын кол астында» болгон. Тюменец тин алдын да Томскинин воеводалары ошол эле 1616-жылы кыргыздарга Василий Ананьин деген көпөстү жана Лука деген тилмечти жиберишкен. Ананьин Алтан ханга кыргыздын ханы Кораны жиберген. Тюменец менен Петров кайтып келгенде ошол эле Кора алар менен бирге Москвага бараткан Алтан хандын эки элчиси менен бирге өзүнүн элчисин да жиберген. Алтан хан ал убакта жардам көрсөтүү жөнүндө кыргыздардын өтүнүчүн четке кагып, тынчы жок кыргыздарды басууга орустардын алдында милдеттенме алган. Ошондуктан кыргыздар баш ийүүгө аргасыз болгон. Петлиндин элчилиги Кытайдан кайткан соң Алтан хандын элчилери менен кошо кыргыз элчилери да жөнөтүлгөн, алар 1619-жылы Тобольскиге жана 1620жылы Москвага келишкен. 1620-жылдын октябрында гана аларды Томскиден «кыргыз чегине» чейин узатып коюшкан.

Ушундан көп өтпөй ойротторду жеңип чыккандыгынын натыйжасында Алтан хандын абалы бекемделген, ошондуктан ал орустар менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп, кыргыздарды өзүнүн букаралыгына алууга макул болгон. Ошондон кийин кыргыздар орус чектерине өздөрүнүн кол салууларын кайра баштаган. Орус воеводалары менен кыргыздардын ортосундагы сүйлөшүүлөр көп учурда түздөн-түз жүргүзүлгөн. Бир жолу орустар сооданын коопсуз болушу үчүн бейкуттукту орнотууга таламдаш болгон бухаралык көпөстөрдүн арачылыгын пайдаланышкан. Сүйлөшүүлөр воеводалардын сөзгө турбагандыгынын натыйжасында кыргыздар тарабынан токтотулган. Томскиге сүйлөшүү үчүн келген кыргыздардын ханы Кора ал жерде кармалып, кийин «ың-жыңсыз жок кылынган».

Алтан хан менен ойроттордун ортосундагы согуш ойроттордун жеңиши менен бүткөн соң, абал 1630-жылдарда кайрадан өзгөргөн. 1634-жылы Алтан хан Саян тоо кыркалары аркылуу Енисей менен Абаканга өтүп, орус букаралыгын кабыл алууга аргасыз болгон. Орустардын каалоосу боюнча ал кыргыздарды орустар менен жараштыруу үчүн өзүнүн кыргыздарга болгон кадыр-баркын пайдаланууга аракет жасаган. Бирок бул максат менен келген лама эч кандай ийгиликке жетишкен эмес (1635-жыл), ал түгүл кыргыздар ойроттор тарабына өткөн, ойроттордун башында ал убакта 1635-жылы хун-тайчжи (орусча «контайша») деген титулду алган Батур турган. 1633–1634-жылдарда эле Кузнецкиге жакындап келип калган алтысарлык хан Бехтеней ойроттордун букаралыгын алган.

Ойроттордон жардам алуудан кыргыздар үмүтүн үзгөн. Батур 1641–1643-жылдарда эле кыргыздарды өзүнүн букаралары деп эсептеген, бирок абалын оңоп алган Алтан хан кыргыздарга кайрадан салым сала баштаганда аларга чынында эч кандай жардам көргөзө алган эмес. 1648жылы ошол эле хан Бехтеней орустун букаралыгын алган. 1652-жылы кыргыз жергесине Алтан хан жана анын уулу Лочжан кол салган, бул жолу кыргыздар жардам сурап Красноярскиге кайрылган. Орустар аларга сүйлөшүүлөрдө гана колдоо көрсөткөн, бирок Алтан ханды чегинүүгө мажбур кылуу үчүн ушул эле жетиштүү болгон. Көзүнүн тирүүсүндө эле Алтан хан бийлигин өткөрүп берген Лочжан кыргыздарга жана орустарга каршы согушту кайра баштоону ойлогон, адегенде ийгиликке жетишип, Томскиге кол салмак болгон, бирок Алтан хандын өлүмү жөнүндө кабар аны кайра кайтууга мажбур кылган, анткени өзүнүн ээлеген жерлеринен ажырап калышы мүмкүн эле.

1660-жылдарда абал орустардын пайдасына өзгөргөн. Батур өлгөндөн кийин (1653-жылы) ойроттордун саясий биримдиги жана кубаттуулугу бир канча убакка чейин начарлап кеткен. 1666-жылы хунтайчжи Сэнгэнин өзү орус букаралыгын алууга макул болгон. Ошол эле жылы Томскиге жардам суроо өтүнүчү менен Лочжанды жиберген. Бирок ушул убакта XVII кылымда биринчи жана акыркы жолу кыргыздардын арасында күчтүү адам пайда болгон, бул Номчинин небереси (Ишейдин уулу) Иренек болуп, ал «20 жыл бою (өзү 1680-жылдардын ортосунда же экинчи жарымында өлгөн) Красноярскиге, Ачин скиге, Кузнецкиге, Томскиге, Канскиге жана ал түгүл Енисейск менен Удинскиге коркунуч келтирип турган». Ал өз элинин же эч болбосо анын бир бөлүгүнүн өз алдынча башчысы болгон эмес. Адегенде ал Лочжандын букарасы деп эсептелинип, ага орустар Иренекти кармап берүү жөнүндө талап менен кайрылышкан. Лочжан талкаланып, ойроттордун туткунуна түшкөндөн кийин кыргыздар хунтайчжилердин бийлигине, адегенде Сэнгэнин (1671-жылы өлтүрүлгөн), андан кийин анын бир тууганы жана ордун басуучусу Галданга баш ийишкен, мунун убагында ойрот мамлекети кайрадан улуу көчмөн державага айланган.

Ойроттордун державасы – бир эле убакта енисейлик жана тянь-шандык кыргыздар менен мамилеси болгон бирден бир мамлекет болгон. Кыргыздардын бул эки тобун салыштырууну ойроттордун өздөрү да алардын өлкөлөрүндө болгон европалыктар жана орустар да жасабагандыгы белгилүү. Кыргыздардын эки тобунун ортосунда эч кандай карым-катнаштар, асыресе эч кандай келишимдер болбогондугу белгилүү. 1680-жылдарда тяньшандык кыргыздар менен согушкан Галдан 1670-жылдарда эле өз душмандарынан енисейлик кыргыздардын жерине жашынып кутулган. Галдандын жана анын орун басуучулардын башкы ордосу енисейлик кыргыздарга караганда тянь-шандык кыргыздардын жерине жакын Или дарыясынын боюнда болгон. Галдан орустар менен бейкуттукта жашоого аракеттенип, томскилик жана красноярскилик воеводалардан кыргыздардын тынчын албоону өтүнгөн жана кыргыздарды орус кыштактарына кол салуудан токтотуп турган. Бирок бул аракет дайыма эле ордунан чыга берген эмес. 1688-жылдарда өзүндө орус элчиликтерин кабыл алган. 1684-жылы ал бир эле убакта Томскиге, Енисейскиге жана Красноярскиге жортуул жасоого даярданган, бирок ушул убакта Москвадан анын элчилери кайтып, жортуул болбой калган. Башка бир хан Шандыктын акыркы жортуулу (ал Иренектин союздашы катары айтылат) 1691 – 1692-жылдарга тийиштүү.

Орустун архивдеринде 1684-жылы Иренектин элчилеринин Москвага келгендиги жөнүндө иш сакталып калган. Ошол эле жерде Иренектин «калмак катынын» түп нускасы жана котормосу бар. Кыргыздар орустар менен болгон карым-катнашта ойроттордун тилин жана алфавитин пайдалангандыгы жөнүндө башка маалыматтар да бар, бирок ойроттордун өздөрү көп учурда орустарга бир кыйла түшүнүктүү татар тилин, кээде ал түгүл фарс тилин колдонушкан. Орус сарайы, профессор Котвичтин изилдөөсү боюнча, 1696-жылы гана ойроттор менен кат алышууда «татар тилинин ордуна калмак тилин жооп берүү үчүн биринчи жолу колдонгон». Ал убакта кыргыздарда өз тилинде жазуу болбосо керек.

1703-жылы күзүндө орустарга «2500 калмак кыргыз жергесине келип, алардын баарын кууп таркатып, азыр кыргыз жеринде кыргыздар калбай калды» деген кабар жеткен. Бул кабарга адегенде ишенишкен эмес, бирок ал кийин ырасталган. Мына ушунун натыйжасында В.В.Радлов сыяктуу XIX кылымдын окумуштуулары гана эмес, Г. Ф. Миллер сыяктуу XVIII кылымдын окумуштуулары да кыргыздардын баары же дээрлик көпчүлүгү ал жерден көчүп кетип, бул крайды орустар каратып алгандыгына байланыштуу ал жерде башка калк келип отурукташкан деп болжошкон. Миллердин пикири боюнча кыргыздар ал убакта «Сибирден таптакыр көчүп кеткен». Башкалар, анын ичинде профессор Козьмин элдин бир бөлүгү гана көчүрүлүп кетип, ал түгүл алардын көпчүлүк бөлүгү кайра көчүп келген, ошондуктан калкынын составы азыр да XVII кылымдагыдай эле кала берген деп ойлошкон жана ойлоп жатышат. Профессор Козьминдин пикирине караганда, мурунку кыргыз жергесинин калкы – орустар атагандай минусиндик татарлар, же революциядан кийин өздөрү атагандай «хакастар» «аутохтонамдар» деп эсептелүүгө тийиш, бул албетте, азыркы билимдердин негизинде бул термин ушундай мааниде түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Ошентип енисейлик кыргыздар эл катары жашоосун токтоткон, ал түгүл жергиликтүү уламыштарда кыргыздардын бир кыйла бөлүгү кырылып-жоюлуп жок болгон деп айтылат. Енисейде калган кыргыз элинин бир бөлүгүнүн тукумдарынын арасынан – кыргыздардын сагай уруусунун арасынан Радлов акими менен кошо келген 300 кишилик отряддан турган ойроттор салык жыйноо үчүн кыргыздардын жерине келип, аларды кырган деген уламышты уккан. Бул отряддан бир жыл бою эч кандай кабар болбогон соң, хун-тайчжи казак-буруттардан турган (буруттар деп ойроттор кыргыздарды атаган) 1000 кишилик отрядды жиберген. Алардын жетекчиси ойроттордун отрядынын кырылгандыгына ким күнөөлүү экендигин кыргыздардан уга албаган соң, бүт элди өзү менен кошо хун-тайчжиге көчүрүп кеткен. Мурдатан жашырынып калган бир канча гана адам калган. Дагы эле Радлов аркылуу келген башка бир уламышка караганда, кыргыздардын көчүрүлүп кетишин калмак элинин эркиндиги үчүн белгилүү күрөшчү Амурсанга (1750-жыл) таандык кылат. Ал 1756-жылдарда орустардын чегине келип жашырынып, ошол эле жылы Тобольскиде чечектен өлгөн. Албетте, бул уламыш чындыкка жакын келбейт. Валихановдун сөзүнө караганда, Омскиде сибирдик кыргыздардын област тык башкармасынын архивинде 1746жылы жанында Усть-Каменегорскиге 12 «кыргыз-калмак» аялдары жана балдары менен келгендиги жөнүндө баяндаган документ бар. Алардын сөздөрүнө караганда, 3000 түтүн кыргызды (Козьминдин пикири боюнча 2550 түтүн, документте «жарым миң» түтүндү) калмактардын үч төрөсү – Духар, Сандык жана Чиньбин (башка бир маалымат боюнча: Зухар, Сандык жана Бенбень, Козьмин таянган документ боюнча Чинбиль) 500 кишилик отряддын башында болушуп, «50 жана андан ашуун жыл илгери согушсуз, бирок зордоп» көчүрүп кеткен. Жергиликтүү калк Абакандагы көрүстөндү кыргыздарга таандык деп эсептешет, бирок бул жерде жоокер кыргыздар душман менен салгылашып, согушта өлгөндөрүн көмүшкөн деген уламыш бар. Көрүстөндү изилдөөдө Радлов бул уламыш чындыкка жакын эмес экендигине ишенген. Көрүстөндөн кэ эде аялдардын жана балдардын сөөктөрү чыккан. Мүрзөлөр каза тапкан жоокерлерди көмүү үчүн талаада казылган болсо, ал жерде аялдардын жана балдардын сөөгү болбойт эле. Согуш болгондугу жөнүндө башка булактар да жок. Эң кийинки изилдөөчүлөрдүн бири, Радловдун окуучусу С. Д. Майнагашев (кийин граждандык согушта мерт болгон) Абакандын төмөн жагындагы кечилердин арасынан кыргыздардын бир уруусун тапкан жана кыргыз уруусунун мурда бир кыйла таркагандыгы жөнүндө далил катары төмөндөгү ырды келтирген:

«Кырлардагы кайыңдардын бетинде,

Тамга жокпу кыргыз балта чаппаган, Өзөндөрдө, жылгаларда, сайларда Кыргыз жокпу кыргын болуп жатпаган».

Бул ырда алардын мурдагы баатыр элдин кырылып жоюлушуна жаны ачып муңкануусу даана байкалат.

Которгон Дардаил СУЛАЙМАНКУЛОВ

А. Н. БЕРНШТАМ

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН ӨЗ ЭРКИНДИГИ ҮЧҮН КҮРӨШҮ

Түрк бийлигин негиздеген каган Бумын же Тумындын (Түрк каганатын негиздөөчү Бумын. 460–552-ж. – ред.) дүйнөдөн кайтышына байланыштуу коюлган Чыгыш түрк кагандарынын көрүстөн жазууларындагы Күлтегин жана Могилян кагандын эстелигинде, көңүл айткан уруулар менен катар кыргыздар дагы эскерилет.

Окуя VI кылымдын 60-жылдарына, же тагыраак айтканда, 553-жылга тиешелүү. Өлгөнгө келгендердин арасында чыгыш түрктөргө баш ийбеген жана аларга эч салык төлөбөгөн уруулар да болгон.

Мындан кийинки кыргыздар чыгыш түрк каганы Кигин (бөлөкчө аталышы Муюй жана Яньду) тарабынан жеңилгендиги эскерилет дагы, кыргыз жергеси чыгыштүрк каганатынын түндүк чек арасы катары көрсөтүлөт. Согуш аракеттеринин жүрүшүнө карабай, VI кылымда кыргыздардын чыгыш түрк каганатына баш ийгендиги али күнчө белгисиз. 638-жылы бийликке келген, 653жылы каза болгон каган Иби Дулу тарабынан кыргыздардын батыш түрк каганатына баш ийгендиги жөнүндө кытай жазма булактары дагы так маалымат бербейт. Бул жерде сөз теңир-тоолук батыш кыргыздар жөнүндө болгондугу талашсыз, ошондуктан бул маселеге биз кийин кайрылабыз.

Кыргыздардын хангай аймагындагы жашашкан сиртардуш (кытайча сеянто) урууларына баш ийиши, кыязы, VII кылымдын биринчи жарымына туура келсе керек. Себеби 628–638-жылдары тардуштардын бийлиги күчөгөн мезгил эле. Ушул мезгилде тардуш ханы Инандын зардалы күч алып, мурдагы гунндардын жерин ээлеп, түндүгүндө Байкал көлүнө дейре бийлигин орнотот. Бул жерде Байкал көлүнүн эскерилиши жөн гана ээликтин түндүк чегин көрсөтүүгө колдонулган жолдомо катары кароо керек.

Эгерде кыргыздардын Байкалдын батышында жайгашканын эске алсак, албетте, алар тардуш мамлекетине кошулмак. Арийне кыргыздардын 648-жылга чейин тардуш урууларына баш ийгендигин кытай жазма булактары дагы баяндайт.

Тардуштар кыргыздардын үстүнөн өз бийлик акимин – сылифасын коюшкан. Сылифа түрк мансабы эльтеберге тете болгон. Ал эми түрк жазма булактарында эльтебер наамы өз каганы жок эльтебер сылифа наместниктери бийлик жүргүзгөн элдерге ылайык жазылат. Кыргыздар анда ар түрдүү уруулардан туруп, аларды жергиликтүү бектер бийлеген. Кыязы, тардуш сылифасы таянган жергиликтүү «геси», «гюйшабо», «ами беги» – бек мансабын түшүндүрсө керек. 645–646-жылдары тардуштардын кытайлыктардан талкаланышы кыргыздардын Кытай мамлекетине алгач ирет элчилик жиберүүсүнө шарт түзөт. Бул алгачкы элчилик тууралуу «Бегре» – рун жазуусу да баяндайт.

Чыгыш-түрк каганатынын түзүлүшү кыргыздар үчүн зор маанилүү болгон. Бул негизинен, көчмөн түрктөрдүн кыргыз маданиятына, экономикасына тийгизген таасирине да байланыштуу. Түрк тилин кеңири колдонуу менен катар жазуусу дагы колдонула баштайт. Борбордук Азиянын мейкин талааларында дүркүрөп өсүп жаткан түрк этногенез процессине кыргыздардын жуурулушуп кошулушуна алып келет. Ушуга катар Борбордук Азияда чыгыш-түрк, Жети-Сууда батыш-түрк каганаттарынын өкүм сүрүшү кыргыздардын улуу маданият очоктору менен байланышына кедерги түздү, 630-жылы кытайлыктар тарабынан талкаланган чыгыш-түрк каганаты кулайт. Күч алган Кытай мамлекети андан ары Түштүк Сибирге чейин сүңгүп кирет. Кыргыздардын аксакалы (Сылифа) Шибоцюй Ачжань императордук ордо менен жеке байланыш түзүү үчүн Кытайга жөнөйт. Кытай императору Тайцзун Шибоцюйга кытай аскер мансабын ыйгарган. Ошону менен катар, Янь-Чжань наместничествосу аталган түндүк аймакты бийлеген кытай наместнигине баш ийген кыргыз урууларынын башчысы шайланат. Белгилей кетчү нерсе: ошол кездеги кытай императордук ордосу Ли-Линдин (Ли-Лин – кытай аскер башчысы, б.з.ч. 99-жылы гунндар менен болгон согушта туткундалып, кыргыз жергесине бийлик жүргүзген аким – М.К.) укум-тукумунан болгондуктан кытайлыктар менен кыргыздарды ымалаштырган. Ошол себептен улам кытай кан сарайынын кыргыздарга карата мамилеси бөлөк көчмөн элдерге караганда кыйла дурус болгон. Жазма эстеликтер көрсөткөндөй: кытай императорлорунун бири – Чжун-Цзун кыргыз элчисин чакырып, мындай деген экен: «Силердин бийлик жүргүзгөн үй мени менен бир уруудан, ошондуктан мен аны бөлөк күнкорлордон ажырата баалайм» (Н. Бичурин). Ушундай туугандык мамилеге карабай кыргыздар кытай ордосуна чанда келишкен. Отуз үч жыл аралыгында (650–683-ж.ж.) алар ордого эки гана жолу келишип, анан 13 жылга чейин Кытай чебине такыр жолобой коюшкан. Анын себеби 683-жылдан тарта чыгыш-түрк каганаты мурдагы күч-кубатына келет. Каганатты бириктирген адам Гудулу каган аталып, ал кыргыздар менен дурус мамиледе болгондугун кыргыз жазуулары (уйбат) айгинелейт. Ал жазуудан, өлгөн кыргыздын Гудулу каган менен достук маанайда коштошуусу жана анын Гудулунун жоокерлери менен болгон кандайдыр бир түшүнүксүз байланышы, алардын түрк урууларына болгон жортуулу жана анын бир түрк ханын өлтүрүп, өз мүрзөсүнө хандын сөлөкөт балбалын коюп алгандыгы айтылат. Мүмкүн мында кыргыздар Гудулу менен бирдикте түргөштөргө каршы согушса керек.

VIII кылымдын башталышы кыргыздардын өзүн курчап турган чыгыш түрктөргө каршы күрөшкөн убагы болуп эсептелет. Бул согуштун 710–711-жж. кыш мезгилинде өткөндүгүн байыркы түрк жазуулары баяндайт. Жор туул тууралуу түрк кагандарынын акылманы, түрк улугу Тон-ёкуктун көрүстөн жазуусунда кеңири маалымдалат. Андагы маалымат боюнча түрк каганынын негизги душманы кытай императору менен катар ошол кездеги беделдүү кыргыз каганы болуп эсептелген. Чабуулдун негизги багыты кыргыздарга багышталганы текстте кеңири баяндалат. Жортуулдун жүрүшүн В. Бартольддун түшүндүрмөсүндө карасак «Кыязы, бул согуш 710–711-жж. кышында болсо керек; жазуу кыргыздар менен болгон кагылышты жана аларды жеңип алгандыгын кыскача баяндайт; Когмен тоосун, б. а., Саян белин ашып өтүүдөгү кыйынчылыктар кеңири маалымдалат. Бул тоону ашуу үчүн бир гана жол болгон, бирок ал кезде жолду кар тосуп калган эле; Тон-ёкук Аны дарыясын бойлоп кеткен жалгыз аяк өтчү жолдун бар экендигин билип, ушул жолго салууну чечет; кошуун Ак термел өрөөнүндө чогултулуп, андан ары жөө, карды жирей жол салган. Адамдар алгач атчан, андан ары дарыяны бойлой дарактарды кармап, аттарын жетелеп жүрүп отурушкан. Чакан кол карды таптап, кошуунга чыйыр жол даярдап беришет; ошентип ашууну ашышкан, ушундай эле кыйынчылык менен түзгө түшүшкөн, жол көрсөткүч чыккынчы кармалып өлтүрүлгөн. Аны дарыясына жетип, кыргыздарга каршы аттанышкан. Аларды бейкапар жатканда басышкан. Бул кыргын тууралуу ошол согуштун катышуучусу Күлтегиндин урматына орнотулган бөлөк таштагы жазууда кеңири баяндалат. Анда «Күлтегиндин жыйырма алты жаш курагында, биз кыргыздар менен согуштук. Биз найза бою карга жол салып, Когмен тоосун ашып, кыргыздарды талкалап куудук.

Алардын каганы менен биз Сунга боюнда кармаштык.

Күлтегин боз аргымак Байыркунга минип чабуулга кирди. Жоонун бирин жебе менен атып, экөөнү кармашта кылычтап салды. Бул чабуулда ал боз Байыркунду ушунчалык токмоктогон экен, анын кабыргасы сыныптыр. Кыргыз каганын өлтүрдүк, ал эми элин багындырдык («Күлтегин эстелиги»). Жазуунун бөлөк жеринде кыргыздар менен болгон согуштун себеби баяндалат, бирок өтө өкүнүчтүүсү кээ бир жери бузулуп калган… «Барсбек болгон. Биз анда ага ысым, каган наамын жана канышанын кичүү сиңдисин бердик. Анын өзү Барсбек чыккынчылык кылды. Каганды өлтүрдүк. Анын эли кул болду. Биз Когмен суусу жана жери ээсиз калбасын деп айттык жана аз сандагы кыргыз элинде тартип орноттук» (Күлтегин эстелиги).

Рун текстиндеги баяндан, түрктөрдүн 710–711-жж. кыргыздарга жасаган жортуулунан кыргыздар жеңилгенин, аларда кыска мөөнөткө түрк бийлиги орнотулгандыгын билебиз. Түрк бийлиги бекем орногон эмес. 693-жылдан 716-жылга дейре бийлик кылган түрк каганы Мочжо (кытай жазма даректеринде ушундайча аталат, ал Капаган деген ат менен да белгилүү. Капаган каган, бийлик мезгили 691–716-жылдар – М. К.) өлгөндө көрүстөнүнө кыргыз каганынын түспөл-балбалы орнотулган. Түрк салты боюнча каршы согушкан элдин жол башчысынын түспөлү же балбалы өлгөн кишинин көрүстөнүнө орнотулган. Балбалдын коюлган ордуна карата душмандын күчү бааланып, орчундуулугу көрсөтүлөт. Ал эми кыргыз каганынын балбалы Мочжонун көрүстөнүндө биринчи орунга коюлушу, түрктөр үчүн кыргыздарга болгон жортуулдун кандай баалангандыгын далилдейт.

Байыркы түрк тексттериндеги жазуулар түрктөрдүн кыргыздар менен болгон бир эле согушун көрсөтүп чектелбейт. Бирок жазма даректерде кыргыз урууларынын түрктөрдүн кол астында узак мөөнөткө баш ийип тургандыгы дагы көрсөтүлбөйт. 732-жылы атактуу түрк жоо кери каза болгондо, көңүл айтканы кыргыз каганынан Чур Тардун Ынанчу аттуу адам келген. Мында, биринчиден, кыргыздардын 732-жылы өз каганы бар экендиги, экинчиден, элчинин ысмы кызыктырат. Ал кыргыз мансабы Ынанчу жана Тардуштук Чурдан турат: деги кыргыздардын тардуш уруусу менен кандай байланышы болгон? Бул жерде кытай жазмалары да көңүлгө арзыйт. Анда кыргыздар кытай императору Сюань Цзунга (713–755) төрт ирет өз элчилерин өндүрүш чарбачылыгы менен жабдып жиберишкен. Кыязы, ушул мезгилде кыргыздар Кытайга элчи жибергенине караганда, алар өз алдынча мамлекет болушкан. Элчилердин Кытайга барышы Сюань Цзундун өмүрүнүн аягына туура келсе керек, себеби кыркынчы жылга чейин түрктөр саясий жактан күчтүү болуп, алардын кошуундары кыргыздардын Кытайга барчу жолун тосуп турган. 746-жылга тиешелүү Селенга жазуусунда Когмен тоосунда жашаган эң күчтүү кыргыз каганы жана анын кошуундары эскерилет.

758-жылдан тартып, Кытайга барган кыргыз элчилиги токтойт. Кытай жазма даректеринде: «Уйгурлар бул мамлекетти басып алышты, андан кийин кыргыз элчилери ортоңку мамлекет (Кытайга – М. К.) өтө албай калышты» – деп баяндалат. Бул окуялар уйгур каганы Гэлэ Маяньчжонун (745–759) ишмердигине байланыштуу. Кыргыздардын жеңилгенин Кара-Корумдагы уйгур каганына орнотулган кытай жазуусу дагы баяндайт. «Башталышында 400дөн ашык жаа тартчусу, б. а., жоокерлүү Гянь-Гунь (Кыргыз – М. К.) мамлекети болгон. Алар (көтөрүлүштү), бирок каган акылдуу, эр жүрөк, укмуштуудай жоокер эле, (ага жөн эле) кайдадыр атып жиберсе тийчү. Саадакка жараша (б. а., анын огунан) Гянь-гунь каганы мерт болду, уйлар, аттарынан жана курал-жарак тоо болуп жыйылып, мамлекеттик иши (Гянь-гунь ээлиги) токтоду; алардын жеринде тирүү адам калган жок. Бул эстелик 808–821-жж. тиешелүү. Кыязы, ушул убакта кыргыздар өз алдынчалыгынан ажырап калгандай, бирок толук бойдон багынышкан эмес. Анткени Тан-шудагы (кытай жазма дареги — М. К.) маалыматта кыргыздар жеңилгенден кийин, VIII кылымдагы кыргыз каганы уйгур каганынан Пицьсе Тунге Гинь мансабын алат. Демек, кыргыздар эч талкаланбай эле кайра уйгур каганынан өз алдынча башкаруу укугуна жетип жатышат. Экинчиден, уйгурлардын алсырашынан пайдаланып кыргыз өкүмдары Ажо «өзүн каган жарыялап», түгеш уруусунан (Чүй өрөөнү) чыккан энесин жесир каныша деп, карлык башчысы Ябгунун кызы болгон аялын каныша жарыялаган. Кыргыз каганынын мындай ишмердиги жана алардын күч-кубатынын өсүшү уйгурларды сестентип, кыргыздарга каршы жортуул жасоого мажбурлайт. Бирок алар кыргыздарды жеңе алган эмес. Согуш жыйырма жыл созулуп, уйгурлар үчүн ийгиликсиз аяктап, алардын кансырашына алып келет. Ал эми 840-жылы алар кыргыздардан кайра баш көтөргүс болуп чабылган. Бекеринен кыргыз каганы минтип айтпаган чыгар: «Сенин жашооң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду алам, алдына өз атымды коюп, өз туумду саям. Эгерде мени менен кармаша алсаң, анда тез келгин, анте албасаң бат кеткин» (И. Бичурин). Кыргыздар үчүн бул күрөш жеңиш менен аяктады. Буга уйгурлардын аскер башчыларынан болгон Гюйлубаганын (Гюйле Мохе) чыккынчылыгы, кыргыз колун уйгур каганын өргөөсүнө баштап келиши дагы себеп болду.

Уйгур каганы шейит болуп, өргөөсү өрттөлөт. Кыргыз каганы мол олжого туйтунуп, Уйгур каганынын аялы мурдагы кытай ханышасы Тай-хону туткундаган. Кийин Тай-хону Кытайга узатышкан. Бирок жолдон кыргыз элчиси уйгур Угэ хан тарабынан өлтүрүлүп, ханыша Кытайга 843-жылы араң жеткен (И. Бичурин).

Ошентип уйгур каганынын көрүстөнүндөгү жазууда 808–821-жж. окуялар туура эмес баяндалганы ырасталып олтурат. Бул мезгилде уйгурлар кыргыздарды биротоло талкалай алышкан эмес. Тескерисинче, кыргыздар өздөр үнүн четте калган абалынан пайдаланып, 840-жылы уйгурларды биротоло талкалап, алар мекендеген Монголияны, Орхондогу (Харыбамаз төрткүлү) борбор калаасын ээлеп алышкан. Кыргыз казатынын ийгиликтүү аякташына уйгурлар арасындагы ич ара келишпестиктер, (атап айтканда, Гюйлю-фу аттуу белсемдүү адамдын) 839-жылы түрк урууларынан болгон шаторлор менен бирдикте уйгур каганы Чжань Синьге каршы көтөрүлүшү себеп болгон. Уйгур каганы өзүн өзү өлтүргөндөн кийин, такка анын өспүрүм баласы Кэси-Тегин шайланган. Ушундай чырчатактарга кошумча каардуу кыш малдын өлүмүнө жана ачарчылыкка алып келди. Бул жагдай кыргыздардын пайдасында эле, эми алар кырдаалды текке кетирбей уйгурларды талкалашты.

Уйгурлардын жарымы карлуктарга, жарымы Тибет менен Кытайга кире качышты. Калган отуз уруу уйгурлар Угени 841-жылдын март айында каган көтөрүп, ал өлгөнчө 846-жылдын август айына чейин кыргыздар менен кармашып келишти. Кийин кыргыз каганы ордосун Селенгага жакын Думань (Танну-ола) аймагына көчүрүп, Кытай менен саясий жана соода катнашын калыбына келтирет. Кытай императору У-цзун кыргыз элчилерин өтө кадырлап-барктап тосуп алып, кыргыз элчисин Бохай хандыгынын өкүлүнөн жогору төргө отургузат. Ушуга кат ар кытай императорунун өкүмү кыргыз өлкөсүнө кайра кайрып элчи жиберүү жана алардын мекени тууралуу толук баяндама жазып келүүнү жада калса кыргыз өкүмдарын сүрөткө тартып, ал эми кыргыз каганынын ысмын Ли-Линдин тукумунан чыккандыгына байланыштуу хандык укум-тукум тизмесине кийирип коюуну буйруган.

Кыргыздар өз ордосун Енисейден түштүккө жана түштүк-чыгышка Селенга дарыясында уйгурларды талкалашкандан кийин көчүрүшү кытай жазма даректеринде гана эскерилбей, кыргыз рун тексттеринде да уйгур каганатын жеңген кыргыз каганынын ысмы эскерилет. Ошол кызыктуу жазуунун толук котормосуна назарыңыздарды бурабыз. (Котормо 1900-жылы Раметед Монголиядагы Суджин-давандан тапкан эстелик боюнча берилген – М. К.)

«Уйгур жерине атам (менин) Яглакар хан келди. Мен кыргыз уулу. Мен Бойля, бактылуу жана телегейим тегиз. Мен атактуу Бага Таркан, бийик Буюрук менин даңкым жана баркым күндүн батышына жана чыгышына жетти. Мен бай элем. Менин мал үчүн он кыштоом жана анда үйүрүм сан жеткис. Менде жети кичүү иним болгон, уулдарым үчөө, кызым үчөө болгон, мен өзүмө уул асырап алдым. Мен кызымды калыңга бердим. Өзүмдүн окутуучума жүз ат жана өргүү (үчүн) орун бердим. Өзүмдүн уулдарымды, кыздарымды жана балдарымды мен көрдүм. Азыр мен өлөмүн. Менин урпактарым окутуучумдун (насааты) менен болгула, ханга каарман кызмат өтөгүлө. Менин даңктуу (улуу) уулум (кошуунга) кетти, мен (каарман) уулумду көрбөй калдым».

Жогоруда көрсөтүлгөн текст кыргыз тарыхы үчүн өтө баалуу. Анын биринчи сабында, ачык эле уйгур жерин басып алган кыргыз каганынын ысмы айтылат. Анын ысмы – Яглакар. Жогоруда белгиленгендей, кыргыздардын уйгурларга жасалган ийгиликтүү жортуулунан кийин, алар саясий борборун Селенга дарыясынын боюна көчүрүшкөн эмеспи. Ал эми талдап жаткан текст мына ушул өрөөндө биринчи уйгур каганынын көрүстөнүнө жакын Суджи жеринде табылган. Кыязы, эстелик уйгурларды жеңүү урматына коюлса керек.

Кыргыз каганынын уулу зор урмат-сыйга, саясий бийликке жана көптөгөн байлыкка эгедер сыяктуу. Ага берилген даражада – Бага, Таркан, Буюрук деп, анын жогорку бийлик мансабы жана теги аскердик экени айтылат. Эң кызыгы анын даңкы күндүн чыгышынан батышына чейин жеткендиги көрсөтүлөт.

Албетте, мындай салыштыруу анын кеңири жайылган ийгиликтүү жоокерчилик ишмердигине байланыштуу болгон. Анын даңкы жөнүндө кытай жазма даректери кабарлайт. Анда 847-жылдагы кыргыз жортуулу баяндалат. 847-жылы уйгурлар Энян тегиндин бийлиги астында өтө алсырап, күчүнөн ажырашкан «атактуу князь жана жогорку мансап ээлери болуп 500 адам» (И. Бичурин) Амурдун жогорку аймагында жашашкан шивэй уруусуна баш пааналашат. Кытай Шивэйден уйгур каганын кайтарып берүүнү талап кылат, корккон уйгур каганы тууган-уругу, аялы Гэла, баласы Дуса тегин жана тогуз коштоо чусу менен батышка качат. Жети Шивэй уруусу калган уйгурларды бөлүп кийирип алышкан. Ушуга байланыштуу кыргыз каганы, өзүнүн министри, ал түрк тексттеринде Буюрук делинип, а өз аты Або (Бойла) 70 000 колу менен «шивэйлерге кол салып, калган уйгурларды колго түшүрүп кумдуу талаанын (Гоби) Түндүк тарабына кайтып келген» (И. Бичурин). Кыязы, жогоруда өзү айткан он мал кыштоосу жана эбегейсиз дүйнөсү, ушул казаттан түшсө керек. Ал согуштан туткунга түшкөн уйгурлардын 100 адамын өзүнүн окутуучусуна берген.

Айтмакчы «окутуучу» деген жазуу сирия сөзү «мар» делип жазылганы анын манихейдик табиятын айгинелейт. Бойланын көрүстөнүндөгү жазуу уйгур палеографиялык тамгалардай чегерилген, же башкача айтканда, уйгур каганы Моюн Чурдун көрүстөнүндөгү дарекке окшош.

Эстеликтин Селенга аймагында жайгашышы бул жергеге кыргыздардын 841-жылдан эгедер болушу, эстеликтин ушул доорго тийиштүү экенин айтат. Буга ошондой эле кыргыздардын X кылымдын башталышында бул аймактан көчүп кетүүгө мажбур болушу далил боло алат.

Хан Яглакар 843-жылы Манчжуриядагы урууларга баш пааналап, Угэ кагандын изин бөртө кууганга аракет кылат жана он сегиз Кытай чек ара аймактарына өзгөчө жапа тарткызган көчмөн уйгурларга каршы күрөшкө кытай бийлигине жардам берет. Берген жардамы үчүн кыргыз каганы грамота жана акбар кытай Цзун-ин-Сюн-у Чен-Мин каган мансабына эгедер болот. Бирок 846-жылы Уцзун апат болгон, кийин жаңы кытай императору СюаньЦзундун бийлигинде, Кытай министрлеринин жыйынында мурдагы кыргыздарга деген ардактоо убадасынан тайып, кыргыз зардалын теңсинбей, бир чети Кытай жардамы Кыргыз мамлекетин күчтөндүрөт деген кооптонуу пайда болгон. 847-жылы Кыргыз каганы Яглакар каза болот, а жаңы кыргыз каганына мурдагы эле ардактуу Ин-у-ЧенМин наамы ыйгарылат.

Кыскача баяндалган окуя даңазалуу «Манас» эпосунда чагылдырылат. Арийне, «Чоң казат» окуясында кыргыздардын кытайлыктар менен болгон күрөшү жана Манас баатырлары менен Бейжинге жасаган жортуулу баяндалат эмеспи, Манастын жан жолдошу өзү кыргыз эмес, бирок Манастын ишине берилген Алмамбет. Чыгармадагы каармандардын дагы бири (ал дагы кыргыз эмес), Эсенкан кызы Бурулча.

Манастын жортуулунда Иртыш дарыясына катар Орхон дарыясы (Монголия) да сүрөттөлөт. Эпосто чагылдырылган окуяларды талдоодо жана аларды белгилүү тарыхый окуялар менен салыштырсак, анда эпикалык баяндын түпкү насили тарыхый табигатка негизделгени байкалат. Казаттын Бейжин багыты, шаардын ээн жерде обочо жайгашышы, анын Кытайдын Бейжин эмес, кадимки эле Бей-Тин, б. а., байыркы түрк шаары Бешбалык болушуна ой кетет.

Эгерде андай болсо, байыркы шаар Бешбалык жайгашкан Орхон дарыясынын эскерилиши төгүн эмес. Арийне кытай жазма даректеринде Яглакардын жоокери кудум эле Манастагыдай кыргыз эмес, кыязы мында Гюйлу Бага менен Алмамбеттин окшоштугу байкалат. Кытай ханышасы Тайхо менен эпостогу каарман Бурулчанын окшоштугу дагы бекеринен эмес. Окуянын ой чордону тарыхтагы Яглакардын Манас менен зили бар экендигин далилдейт. Мындай ой бүтүмгө, айтылган окуялардан бөлөк, «Манастай» баатырдык эпос, элдин эң жогорку саясий-экономикалык өсүп-өнүгүү доорунда гана жаралышы мүмкүн эле. Ошентип кыргыз тарыхынын ушу доор унда (В. В. Бартольд белгилеген «Улуу Кыргыз дөөлөтү» мезгилинде – М. К.) эбегейсиз зор «Манас» эпосунун кээ бир таржымалы калыптанып, эл оозунда айтыла баштаган. Кийинки айтуучулар окуянын түпкү насили менен болгон байланыштан адашып, адам аттарын, турмуш жагдайын, абалын жана жер шартын өзгөртүп жиберишкен. Мына ошентип эпосто айтуучулар тарабынан насили унутулуп, ысмы өзгөртүлгөн Алмамбет, Бурулчага окшогон каармандар пайда болот. Өтө өкүнүчтүү нерсе – кытай жазма даректеринде 847-жылдан кийинки кыргыз тарыхы боюнча маалыматтар дээрлик жок. Болгону 860–873-жылдар аралыгында кыргыздардын Кытайга болгон үч элчилиги тууралуу гана баяндалат. Кыязы, 873-жылдан тарта кыргыздардын Борбордук Азиядагы бийлиги солгундай баштаган. Ага Лянчжоу жана Дун Хуан аймактарында жашаган уйгурлардын күч алышы себеп болсо керек. Уйгурлардын бугу уруусунан чыккан мурда Бешбалыкта жашаган аксакалы Цзунь Чыгыш Түркстандары Кара-Шаар жана Бугюр шаарларын ээлеп алып, 847-жылы кытай императорунан хан мансабын алган. Ал эми чыгыштан келген кидан уруусунун күч алышы, кыргыздардын саясий аракетин Чыгыш Түркстанга оодарышына себеп болот (А. Бернштамдын ою боюнча кидандардын кысымынын натыйжасында кыргыздардын бир бөлүгү Теңир-Тоого көчүшкөн – М. К.).

Бирок 924-жылы Монголияны кидандар ээлешкенден кийин кыргыздардын жарымы түндүккө кетет, экинчи бөлүгү X кылымдын акырында (кыязы, 70–80-жылдары) Пенчул (Үчтурпан) шаарын ээлешет. Худуд ал-Алам жазма дарегинин маалыматы болгонча, Кашкар аймагында Ягма, Тибет, Кытай жана Кыргыз элдери чектешишкен. Тибет менен болгон байланышты кыргыз жазма дареги (Чакул) маалымдайт: «Мен каармандык үчүн Тибет ханына бардым, элчи катары бардым жана коштоп жүр дүм(?)» Бөлөк Алтын-Көл текстинде өзүн соодагер деп атап, «төгөрөктүн төрт бурчүн кыдырдым» – дейт. Кыязы, уйгурлардын күч алышы жана кидан кысымы, кыргыздардын түштүк чек арасын батыш тарапка өзгөртүп жана алардын Тянь-Шанга ыкташына түрткү берген окшойт. Бекеринен алар карлук уруусунун Жети-Суу) гана эмес, чигилдердин (Ысык-Көл) жана тухсилердин (Чүй өрөөнү) коңшусу болбостур. Бул маалыматтар кыргыздардын Тянь-Шанга көчүп келүү маселесин башкача кароого түрткү берет. Жазма даректер кыргыздардын VIII–X кк. Тянь-Шанга көчүп келүүсүн далилдейт. Анда эмесе, Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы үчүн эң баалуу, мааниси чоң ушул жагдайды чечмелейли.

Буга чейин хакас (кыргыз – М. К.) маселесин тастык тоо до, биз хакастардын батыш чек арасы Енисейден ыраак тыгын көрсөттүк (Бул жерде хакас менен кыргыз аталышынын айырмасы жок. А. Н. Бернштамдын ою боюнча б. з. ч. I к. эле кыргыздар батыш жана чыгыш салаалардан турган. Ошондуктан хакас деген аталыш батыш, б. а., Теңир-Тоолук кыргыздар жөнүндө түшүнүк берет – М. К.) Жада калса бул хакастардын Енисейден Орто Азияга чейин текши отурукташканын көргөзбөсө дагы, алар менен болгон тыгыз карым-катнашын белгилейт. Бизди өтө кызыктырган жагдай хакастарды «түштүгүндө Тибетке чейин, түштүк-батышында Гэлолуга дейре чектегени. Өкүнүчтүүсү – бул маалыматтын мезгил доору коюлбаган. Бирок Тан бийлик мезгилиндеги кытай жазма даректери хакастар дайым Даши (араб эли же бардык эле Орто Азия элдери), Туфань (Турпан жана Тибет эли) жана Гэлолу (карлуктар) менен достук карым-катнашта болгонун маалымдайт. Демек, Гэлолу-карлуктар качан хакастар менен достук мамиледе болгондо гана Жети-Сууну мекендешкен. Бу маалымат 758-жылдан кийин экендиги, 751-жылдын июнь айында Жети-Сууга келген арабдар менен жакшы ымаланын түзүлүшү менен дагы толукталат. Андай болгондо хакас-кыргыз ээлиги толугу менен ТяньШанга такалат. Бул жерден биз жалаң арабдашилер менен соода карым-катнашын эскеребиз. Арабдардын VIII кылымдагы (X к. чейин) соода жолу Испиджабдан Таразга, Суябга, ал эми Жогорку Барскандан (Ысык-Көл) Чыгыш Түркстанга бурулган. Андай болсо Жети-Суунун чыгыш тарабы карлуктар менен арабдардын Чыгыш Түркстан менен соода жолунун тогошу болгон. Мына ушул жерге кыргыздар келишкен. Бекеринен, Жети-Суудагы түргеш уруусунан чыккан кыргыз төбөлү Пицьсе Тунге Гинь бул жерде өз зардалын көтөрүү иретинде уйгурлардын алсырашынан кийин өзүн каган көтөрүп, насили карлук зайыбын катун атабаган чыгаар. VIII к. аягы – IX к. башталышында Хакас улуктары менен Жети-Суу урууларынын туугандашышы, кыргыздардын Тянь-Шань кылаасы менен түздөн-түз байланышын айгинелейт. Кытай жазма даректерин Истахринин (951-ж.) маалыматтары толуктайт, анда Жети-Сууда, тагыраак айтканда ТяньШанда (Фергана, Илак жана Шельжи рудниктерине коңшу) кыргыздар жайгашкан. В. Бартольд бул кырдаалды мындайча чечмелейт: «Кыргыздар эми (X к. – А. Бернштам) карлуктар менен бирдикте тогуз-огуздарга каршы күрө шүп, азыркы мекени Жети-Сууну ээлешкен». Бөлөк мусулман жазуу даректеринде кыргыздардын Тянь-Шанда жашашы боюнча маалыматтардын жоктугу, алардын бул чөлкөмдөгү элдин аз бөлүгүн түзүп, кыргыз деген ат Енисей жергесинде колдонулуп, ал эми тянь-шандык кыргыздар бөлөкчө айтылганын айкындайт. Бул жерден биз Н. Аристовдун жоромолуна кайрылсак. Ал Тянь-Шандагы усун, кийин нушиби урууларын кыргыз салаалары деп эсептеген. Жогоруда айтылгандай кыргыздардын батыш бөлүгү өз алдынча болуп, усундарга душман топ катары белгилүү. Ошондуктан бул жерде усундар кыргыз салаасы деп айтуу жаңылыштык.

Н. Аристовдун нушиби союзун түзгөн урууларды кыргыз уруулары менен салыштырууга жасаган далалаты көңүлгө чак, мааниси чоң. Белгилей кетчү нерсе ал кытай жазма даректериндеги «ассиги» жана «гэшу» урууларын кыргыз уруулары «асык» жана «кушчу» менен жакын карайт. Ооба, Тан-шу, беш нушиби уруусун санай келип, андагы Асиге жана Гэшуну көрсөтөт (Бичурин). Ошентип нушиби уруулары менен кыргыздардын ортосунда кандайдыр бир этногенетикалык байланыш түзүлөт. Нушиби уруусу түндүк Тянь-Шань, тактап айтканда, Чу-Талас өрөөнүндө жашаган. Айтмакчы, нушиби уруусу бай ыркы кыргыздар менен эле ымалада болбостон, соңку усундар менен да байланышы бар. Бул жөнүндө Н. Аристовдун божомолунан бөлөк жазма даректер дагы маалымдайт. Тон-ёкук жазуусунда: «Биз усун кошуунунун боз үйлөрүндө токтодук» – деп айтылат. В. Радлов болсо эстеликтеги маалымат боюнча бул кошуунду Кытай чөлкө мү нөн издеген. Бул натуура ой. Эстеликтеги ой түйүмү даана айкын. Анда Тон-ёкук мындайча билдирет, түрк каганы (сөз Илтерес жөнүндө болуп жатат) Шандун деңизине дейре жеткен, аяктан 33 шаардын күлүн көккө сапырып, усун кошуунунун боз үйлөрүнө жетип, ал жерде калган, ага кошумча кытай каганы түрк каганына душман болуп жана «жети салаалуу (батыш) түрк каганы түрк каганынын душманы аталат». Ыр сабында айкын баяндалгандай, усун кошуунунун боз үйлөрүн ээлеп, батыш түрк каганына душман атыгып жана дагы кытайдын 33 шаарын кыйратышы кытай императорунун ачуусун келтирген. Бирок жортуул мезгили VII кылымдын аягына, тагыраак айтканда, кытай кол башчысы Сулифандын жортуулунан кийин өз алдынча эркиндигин сактап калган нушиби уруулары батыш-түрк кагандын жергесинде үстөмдүк абалы мезгилине туура келет. Ошол нушиби урууларынын кошууну, түрк жазуу дарегинде усун кошуунунун боз үйү аталган. Арийне V кылымда усундар өз алдынчалыгын сактап калышкан. Жада калса Ферганага өз элчилерин жөнөтүшү жана кытай элчилерине жол көрсөтүшү, котормочуларды бериши алардын энчи аты унутулбастан, өзгөчө көчмөн элдердин жадында сакталышы керек эле. Деги эле белгилүү нушиби уруусу менен усундардын ымаласы болушу мүмкүн. Бирок усундар – бул кыргыз эмес. Эгерде биздин заманга чейинки биринчи кылымда эле батыш цзянькундардын (кыргыздардын) тобу усундардын тобуна кошулса, анда алар VII кылымда усундар нушиби кошуунуна киргенге дейре өкүм сүрүшүп, бул маалда байыркы кыргыз уруулары аталып кеткен ассиги жана гэшу болуп таркалган. Эгерде усун мезгилинде цзянькундар өз алдынчалыгын сактап, түндүк гунн дар менен чогуу усун жана кангюй ортосунда тосмо ролун аткарып, ал эми VI кылымда алар нушиби урууларынын бир бөлүгүн түзгөн болсо, азыркы кыргыз элинин катарында араң эле уруксөөк, ысык жана кушчу түрүндө келип жетти. Буга катар Жети-Сууга VII кылым доорунда кээ бир уруулардын келиши мүмкүн эле. Ал үчүн батыш-түрк каганы Ибн Дулунун өмүр баяны тууралуу кытай дарегине көңүл бурсак. Тан-шуда мындай делет: Иби Дулу, Хилиши каганы менен узакка согушкан, акыры 638-жылы Или дарыясында алар бийлик чегин өз ара бөлүп алышкан Иби Дулу батышында Чу-Таласты алып, чыгышка Хилиши ээлиги орногон. Бирок бир аз мөөнөт өткөндөн кийин Иби Дулу Сясми (белгисиз эл) жана Гэгу (кыргыз – М. К.) урууларын баш ийдирет. Кыязы, бул жерде сөз Тянь-Шань кыргыздары жөнүндө жүрөт окшойт. Себеби Дулу жана Енисей кыргыздарынын ээлигинин ортосунда Хилиши ээлиги болгон. Дулу кагандын кыргыздарга кол салуусу, хилиши уруусу менен жаңжалсыз аяктаган. Качан гана Тянь-Шандык кыргыздар баш ийгенде, Дулу кагандын сылифасы (кол башчысы) Хилишиге кол салат, акыркысы Ферганага качууга аргасыз болот жана ошол жакта өлөт. Дулу кагандын бийлиги күчөп, Чыгыш Түркстандын бир канча жерин ээлеп, жада калса Согдиядан да көптөгөн мөөсүлгө жана туткунга эгедер болгон. Кытай тарыхынын билдирүүсүндө «ал» туткундарды эч кимге бербей «өзү алганы» көчмөн калк төбөлдөрүнүн нааразылыгын туудурган. Жогоруда аталган Тянь-Шанда жашаган кыргыздардын бир тобу болгон Ассиге уруу сунун жетекчиси ага каршы көтөрүлөт.

Иби Дулу жана анын ордун баскан кагандардын түндүк Кыргызстандагы бийлиги, Иби Дулу 654-жылы өлгөндөн бир жылдан кийин кытай кол башчысы Су Ди Фандын жортуулу менен аяктайт. Су Ди Фан Или жана Чудагы түрктөрдү талкалап Таласка дейре жеткен. Мурунку көчмөн элдин жергеси майда аймактарга бөлүнөт. Бирок кытай бийлиги, негизинен, номиналдуу болуп уруулар өз маданиятын жана башкаруу тармагын сактап калышкан. Бул мезгилдеги, акыркы 47 жыл ичинде 9 негизги жана ондогон майда башкаруучулар алмашкандыгына карабай чыгыш түрк каганаты кытай бийлиги астында кала берген. Ошентсе дагы жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар кыргыз уруулары Тянь-Шандагы элдин бир бөлүгү катары андагы саясий кырдаалга жигердүү катышып, өз салымын кошушкандыгын айгинелейт. Алардын маданий эстеликтерге тийгизген таасири орчундуу. Жогорку Таласта Каллаур тарабынан байыркы түрк рун жазуусу бар төрт таш табылган. Бул көрүстөн жазмасынын палеорафиясы жана мааниси кудум кыргыздыкы, алар бизге Енисей көрүстөн жазмасы катары белгилүү жана орхон руникасынан даана айырмаланат. Ушундай эле палеогрфиялык өзгөчөлүккө Талас өрөөнүндөгү бир капчыгайдан табылган жыгач таякчадагы жазуу эгедер. Акыры буга кошумча катары Бакты кыштагынан табылган кытай күзгүсүндөгү кыргыз палеографиясына мүнөздүү жазуу. Бул далилдер Түндүк Тянь-Шанга кыргыз урууларынын жана алардын маданиятынын толугу менен Енисейден келгендигин аныктайт. Жазмалардын тили кыргыздардыкынан айырмаланып, байыркы түркий тилинде, бирок жогоруда көрсөтүлгөндөй, ал тил ар кыл официалдуу жазуу үчүн кабыл алынган эмеспи. Демек, жогоруда көрсөтүлгөн далилдер кыргыздардын VIII–X кылымдар доорунда Тянь-Шанда өз тобу болуп алар тарыхый кырдаалдын субъекти катары Енисей жана Борбордук Азияда эле эмес, Түндүк Кыргызстанда дагы роль ойногондугун маалымдайт. Тянь-Шань кыргыздары жергиликтүү урууларга сиңип-жуурулушуп, негизги олуттуу саясий күчтү түзүшкөн эмес. Ошол себептен мусулман авторлору тяньшандык кыргыз уруулары жөнүндө маалымат билдирүүнү каалашпаган. Себеби аларга Енисейдеги кыргыздардын негизги тобу белгилүү болгон жана ошондой эле кытай жазууларында дагы дээрлик Енисей кыргыздары тууралуу гана баяндалат. Худуд ал Аламда кыргыздар мындайча сүрөттөлөт: «Кыргыз өлкөсүнөн көпт өгөн мускус (кыргыз мускусу жөнүндө бөлөк жазуу-даректер дагы маалымдайт) жана баалуу терилер, дагы кайың дарагы (кыязы, кабыгы) жана бычак сабын жасоо үчүн хуту мүйүзү чыгарылат. Кыргыз өкүмдары кыргыз-хакан (каган) аталган. Ошол эле автордун билдирүүсүндө кыргыздар мүнөзү жагынан жапайы жырткыч сымал: кебете-кешпири орой, чачы аз, калыстыгы жок, боорукерсиз. Алар өтө жоокерчилиги менен айырмаланып, бардык коңшулары менен согушуп, душман болуп турушат. Алардын унаалары (же кайыктары), койлору, уйлары, жылкылары бар, алар ыңгайлуу жер-суу, аба ырайын жана шалбаа издешип көчүп жүрүшөт. Алар отко сыйынышып, өлгөндү өрттөш өт, алачык жана өргөөлөрдө жашап, аң уулашат. Фури деген эл бар, алар дагы кыргыз, кыргыздардын чыгышында жашап, алар менен баарлашпайт, киши жегич жырткычтар ырайымсыз, алардын тилин бөлөк кыргыздар түшүнүшпөйт, алар жапайы жырткыч сымал. Кыргыз хаканы жашаган шаар Кемиджикет аталат. Кыргыздардын тоодо жашаган Кесим деген эли бар, алардын өргөөлөрү бар жана аң тери, мускус, хуту ж.б. өндүрүшөт. Кыргыздардын дагы бөлөк эли бар, алардын тили карлуктарга жакын, а кийими кимак кийимине окшош. Аталган кыргыз салаасынын биринде да кыштак, шаар аттуусу жок, алардын баары өргөөлөрдө жашашкан да, хакан турган жери гана өзгөчөлөнөт. (Бартольд В. В. «Кыргыздар», Фрунзе, 1927, 21-б.)

Кыргыз тууралуу бул баянды XI к. автору Гардизи кайталап, кыргыздардын жаралышы боюнча легендалык маалыматтар жана Тогуз-огуз (уйгур – М. К.) өлкөсүнөн, б. а., Чыгыш Түркстандан келчү соода жолу жөнүндөгү маалыматтар менен толуктайт.

Гардизинин текстиндеги эң кызыктуу маалыматты келтирели: «Кыргыздарга барчу жол тогузгуз өлкөсүнөн башталат, атап айтканда, Чиньджекеттен Хасанга, Хасандан Нухбек, андан Кемиз артка чейин шалбаа аркылуу бир же эки айлык, ал эми чөл аркылуу 5 күндүк жол. Кемизден Манбек-Луга чейин тоолор арасында эки күн, андан ары токой башталат: талаада Манбек-Лу аталган тоого дейре булактар жана аң уулоого чер жер, анда көптөгөн кундуз, тыйын чычкан жана мускустуу антилопалар бар, чер токою аң уулоого бай; тоосу жакшы отурукташкан. Манбек-Лудан кийин Когменту башталат; Жолду катар жайлоолор, ажайып булактар жана көптөгөн жаныбарлар кездешет; Когмен тоосуна дейре төрт күн ушундай жер менен барат; Тоосу бийик; калың токой, жолу кууш. Когменден кыргыз турагына чейин 7 күндүк сапар: жол талаа жана шалбаа, ажайып булактар жана чытырман дарактар аркылуу өтөт, ошондуктан жоо ал тарапка өтө албайт, кыргыз турагына чейин жол кудум бак сымак. (Турактын) эң негизги мыкты жеринде кыргыз хаканынын согуш лагери жайгашкан, ал жакка үч жол менен гана барса болот: алардан бөлөк чар-тарабы бийик тоолор жана чытырман токой менен курчалган. Үч жолдун бири түштүктөгү тогуз-огуздарга, бөлөгү батыштагы кимактар менен халлуктарга, үчүнчүсү талаага 3 ай жүрүп чоң уруу фуриге барасың».

Андан ары Гардизинин тексти мындайча кабарлайт: «Кыргыз өлкөсүнөн мускус, аң тери жана хутунун мүйүзүн алып келишет. Кыргыздар индустар сымак өлгөндөрүн өрттөшүп анан мындай дешет: «От эң таза адал нерсе, отко түшкөндөр тазаланышат: «Ошондой эле өлгөндү дагы от кылмыш жана күнөөсүнөн арылтып адал кылат». Кээ бир кыргыздар – уйга, бөлөгү – шамалга, үчүнчүсү – кирпиге, төртүнчүсү – сагызганга, бешинчиси – кушка, алтынчысы  ажайып бакка сыйынышат. Алардын арасында фагинун (?) (Кыязы шамандар болсо керек – М. К.) аталган адамдар бар. Ал ар жылы мерчемдүү бир күндө, бардык аспапчыларды жыйнап, чогуу шайыр тойго кам көрүшөт. Качан аспапчылар ойной баштаганда фагинун эстен танат, ошондон кийин андан ушул жылы боло турган: жакырчылык жана жыргал турмушту, жамгырды жана кургакчылыкты, апаат жана бейкутчулукту, душмандын кол салуусу жөнүндө бардыгын сурашат. Ал айткандардын көбү, айткандай эле туура болуп чыгат».

Гардизинин, кыргыздын түпкү теги славян төбөлүнөн башталат деген көрсөтмөсү жомок сымал, бирок Гардизи түз эле минтип айтат: «Кыргыздардын түспөлдөрүндө славяндардан келип чыкканы, атап айтканда, кызыл чачы жана терисинин актыгынан билинип турат».

Гардизидеги байыркы маалымат, кыргыздардын XI кылымда өздөрүнүн динчилик жана дагы славяндарга мүнөздүү түспөлүн, негизинен, сактап калышкандыгын айтат. Буга В. Бартольд мындайча кошумчалайт: «Кытай билдирүүлөрү боюнча, кыргыздар бийик бою, сары чачы, ак жүзү жана көк көзү менен айырмаланышат». Бул маалыматтар, кыргыздардын алгач түрк элине кирбегендигин аныктайт.

Ошондой эле рун жазууларында кыргыз өлкөсү Көгменде делет. Гардизинин кыргыздардын тотемдүүлүгү жөнүндөгү маалыматы кызык, анда алар уйга, шамалга, кирпиге, сагызганга, кушка ж. б. сыйынышат. Гардизинин кыргыздардын шаман дининде экендигин кытай билдирүүлөрү менен катар, Абу Дулефтин (X к.) кабарлары да айкындайт.

Худуд ал Алам жана Гардизинин текстинде эскертилген Фури уруусу «кури» уруусу, б. а., байыркы түрк текстт ериндеги курыкандар жана кытайча «Гушгань» экендиги айдан ачык.

Кыргыздар жөнүндө Абу Дулеф мындайча кабарлайт (Бартольд боюнча беребиз): «Алар таруу, күрүч жана төөнүкүнөн бөлөк ар түрлүү эт жешет; алардын кудайга сыйынчу үйү жана өздөрүнүн жазуусу бар; алар эстүүлүгү жана кыраакылыгы менен айырмаланышат; чыракты өчүрүшпөй, өзү өчкөндөй кылышат. Сыйынуу учурунда колдончу кыраат сөзү – мускусу бар. Бир жылда үч майрамы болот. Алардын туусу жашыл. Сыйынуу учурунда алар түштүккө кайрылышат, жылдыздардан Сатурн жана

Чолпонду жактырышат. Марс жылдызына жамандык алып келчүдөй карашат. Жырткыч айбандар көп. Кадам алдында жарык чыгарчу таштар бар, ошондуктан алар шамды колдонушпайт; ушул таштан аларда гана буюм жасалат. Алардын ханы элдин камын жейт, алар ага баш ийишет, анын көзүнчө жашы кырктан ашкан адам гана отура алат».

Айтмакчы, Абу Дулефтин кыргыздардын айыл чарбасы жана мал чарбачылыгы боюнча маалыматы X–XI кылымдардагы кыргыздар өткөн мезгилден айырмасы деле болбогондугун көрсөтөт. Себеби кийинки авторлор мурункулардын маалыматтарын кайталашкан. Ага себеп кыргыздардын чарбасынын тышкы мүнөзү мурдагы чарбалык баскычтан өтө айырмаланбаган. Кыргыздар Монголияда бийлик жүргүзгөн акыркы түрк элдеринен болгон. Кийинки доордогу кыргыздар тууралуу маалыматтын кээ бир даректерде чагылдырылбашы, алардын Енисей жана Тянь-Шанга көчүшү менен байланыштуу.

Себеби алар Тянь-Шанга көчүп келишкенден кийинки ал жерде өкүм сүргөн саясий түзүлүштөргө сиңип, алар жергиликтүү урууларга караганда аз санда экендигинен Тянь-Шанда өз алдынча саясий аталышка жете алышпаган.

Алардын тарыхындагы эң даңазалуу жылдардан ки йин Енисейге көчүп келиши менен аларды Борбордук азиялык чжурчэндик, киландык жана монголдук күчтүү топтор дүйнөлүк турмуштан чектеп салды. Ушул убакта алар батышында ягма, карлук уруулары менен, түндүк-батышында кимактар менен чектешип турушу кыргыздардын түштүк-батыш байланыш тармагын сактап калгандыгын айгинелейт.

Кыргыздардын X кылымдын биринчи бөлүгүндө Борбордук Азиядагы тарыхый карым-катнашка жигердүү катышышынын чектелиши, алардын коомдук-экономикалык түзүлүшүнүн өнүгүшүнө өз таасирин тийгизбей койгон жок. VI–IX кылымдардагы өзгөчө мезгилде жоюлбаган уруулук түзүлүш, кыргыздардын чектелиш мезгилиндеги кайрадан өнүгүү күчүнө кирди. Орто Азия шаарларындагы өндүрүш күчтөр үнүн өсүшү кыргыз өлкөсүнө Орто Азия, Жети-Суу, Чыгыш Түркстан жана Кытайдан ар кыл буюмдардын ташылып келиши жергиликтүү кол өнөрчүлүк өндүрүштүн өсүшүнө терс таасирин тийгизген. Х кылымдагы Худуд ал-Алам, Ибн Хаукаль жана башка авторлор белгилегендей алардын өлкөсүнө кол өнөрчүлүк буюмдары ташылып келчү жана өлкөдөн сырье ташылып кетчү жерге айланат. Ошентип коңшу өлкөлөргө ченемдүү соода байланышынын өзгөрүшүнө карата кыргыз өлкөс үндө өндүрүш күчтөрдүн мүнөзү өзгөрүп, бара-бара жоюл уу чегине жеткен. Өлкө аралык соода алакасынын талабына ылайык кол өнөрчүлүк өндүрүштүн кыскарышы аңчылыктын өсүшүнө алып келди. Өндүрүштүн кыскарышы кулдардын эмгегин пайдалануу тармагын кыскартты. Ошентип, жалпы шарттын натыйжасында кыргыз коомундагы мамиленин андан ары өсүп өнүгүшү токтогон.

Л. Н.ГУМИЛЕВ

БАЙЫРКЫ ТҮРКТӨР

Алтай тоолорунда. Тоолуу Алтайдын чыгыш бөлүгүндө азыр теленгиттер жашап жатат. Алардын ичине эски төлөс деген атын сактап калган канат кирет. Теленгиттер түндүк жагынан кара татарлар (ийш-кижи), чыгышта тувалыктар менен, түштүктө – казактар, ал эми батышта – алтайлыктар (алтай-кижи) менен чектеш. Чоң ашуулары бар бийик тоо кыркалары теленгиттер жашаган аймактын табигый чегин түзүп, алардын тил жагынан байкалган нукура бөтөнчөлүгүн сактап калууга бир кыйла даражада көмөк берген.

Чулышман, Башкаус жана Улаган өрөөндөрүндө жашаган түндүк теленгиттер өздөрүн талостор деп аташат. Түштүк теленгиттер Чүй дайрасынын Катунга куйганга чейинки боюнда жашайт, алар өздөрүн Чүй-кижи (Чүй адамдары) деп аташат.

«Теленгит» деген термин «төлөстөн» кеңири, анткени ал өздөрүн төлөстөр деп атабаган калктын тобун өзүнө камтыйт. Төлөстөр бир убакта өздөрү сыяктуу эле эң байыркы теленгит деген этностук наамды алмаштыруу менен үстөмдүк кылган уруу болгон. VII кылымда теленгиттер Орхондон батыш жактагы Хангайда зор территорияны ээлеп, төлөс урууларынын бири катары эсептелген. Төлөстөрдүн теленгиттер менен биригүүсү XVIII кылымдын ортосунда гана болгон, ал убакта ойроттордун букаралары болгон теленгиттер батыш Монголиядан манжурлардан Алтайга качып келген, анткени император Цян ойроттордун тукумун кырып жок кылууга манжурларга буйрук берген. Бара-бара теленгиттер бул аймакта VII кылымдын ортосунан бери жашап жаткан төлөстөр менен аралашып кеткен, төлөстөр бул жакка түрктөрдүн даңкынын жана көз каранды эместигинин акыркы коргоочусу Чеби хан менен бирге көчүп келишкен.

Төлөстөр өздөрүнүн түп бабаларына – төлөстөрдүн бир канаты түрктөргө аз окшош, бирок бул түшүнүктүү, анткени миң жылдар бою аска-тоолор, чытырман токойлор жана душмандар менен курчалган эл үчүн бир кыйла өзгөрүштөрдү алып келген. Асман мелжиген тоолордун арасында калган кичинекей эл эгер өзүнөн көп жашаган эстеликтерди камтыбаганда тарых үчүн такыр жоголуп кетмек эле. Төлөстөр уруусунун бир бөлүгү түрктөрдүн көрүс төндөрү чыгыш Алтай өрөөнүнүн дээр лик бүт талаа сын каптап жатат. Бул көрүстөндөр курчалган таш короолор. Короолордун ичинде каз-катар тизилген балбалдар бар. VII к. түрктөр Алтайга келгенде аларды душмандары, бир жагынан аборигендер – алтайлыктар, ал эми экинчи жактан – талаа уруулары, казактардын түп бабалары болгон…

Түрктөр эзелтен эле талаада мал чарбачылык менен тиричилик өткөргөн эл болгон. Алардын алгачкы жашаган жагы чоң Алтайдын түштүк жантаймалары болуп, аларды талаа мейкиндиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан эмес, ал эми токой чарбанын негизги түрүнө – көчмөн мал чарбачылыгына гана кызмат кылган. Тоолордун кокту-колотторуна камалган түркүттөр өз тиричилигинин негизин – малды сактап калышкан, бирок жайыттардын аянты дарыя өрөөндөрүнүн түндүк жантаймалары менен чектелген.

…Бизде VIII–X кылымдардагы түркүттөр – төлөстөр жөнүндө тарыхый даректер жок болгондуктан ал түгүл жансыз таштар берген арзыбаган маалыматтар зор баалуулукка ээ болот. Жаңы чөйрөдө өткөргөн эки жүз жылдын ичинде эл өзгөрбөй койгон жок. Түркүттөрдү Алтай тоолоруна алып келип камаган мурунку кубаттуулукту калыбына келтирүүнүн алгачкы идеясы ордунан чыкпады. Талаада башаламандык башталганда андан түркүттөр эмес, жидандар пайдаланган: түркүттөр эми саясий майданга чыга албай калган.

Сеянтосторду талкалоо Тан империясынын беделин ушунчалык бекемдеткендиктен бүткүл төлөс уруулары, ал түгүл батырлу жана курыскан сыяктуу алыскы уруулар да императорлорго белек менен элчилерди жиберишип, ага ыктыярдуу баш ийип беришкен. Ошол эле жылдын аягында түркүттөрдүн Чеби ханынан да элчилик келген. Бул ханзаданын тагдыры өзүнчө кызык. Кат Иль хандын убагында элеттик княздардын бири болуп, «кичи» хан деген наам алып жүргөн. 630-жылдагы талкалануудан кийин Чеби хан өзүнүн ордосу менен түндүккө качып, артынан түшкөн сеянтостордон салгылашып жатып кутулуп чыгып, Алтайдын тоо өрөөндөрүнө барып жашынган. «Тан-шуда» мындай деп жазылган: «Чеби Алтын тоолордун (Алтайдын) түндүк тарабына кетти. Алтын тоолору үч тарабынан жалама аскалардан туруп, төртүнчү тарабынан гана атчан жана арабачан өтүүгө болот. Жерлери түз, ошентип Чеби аларды ээлеп алды… Ал батышта Гэлолуну (карлуктарды), түндүктө гөчүнү (кыргыздарды) баш ийдирди». «Алтын тоолордун түндүк тарабы» деген сөздү биздин оюбуздагыдай түшүнүүгө болбойт. Алтайдын түндүк беттерин токой каптап жатат, ошондуктан түркүттөр сыяктуу мал күтүүчүлөргө тиричилик үчүн мүмкүнчүлүк болгон эмес. Кыргыздар жогорку Енисейде жашаган, ошондуктан эгер Чеби хан чынында эле Алтайды ашып түшкөн болсо, алар анда кыргыздардан түндүктө эмес, чыгышта болор эле. Карлуктар Иртыштын жогорку агымын ээлешип, андан батышта эмес, түндүккө каран болуулар эле. Бул жерлер бардык тарабынан тоолор менен курчалгандыгы, ал эми ичиндеги «жерлердин түздүгү», б. а., талаа болгондугу Чеби хан ички Алтайдын өрөөнүн ээлегендигин, ал эми ал жакты көздөй бирден бир өткөөл – бул Сайлүүгем экенин көрсөтүп отурат. Демек, Чеби хандын ээликтеринин негизги бөлүгү Телец көлү менен Канунь дайрасынын ортосунда жайгашкан. Анын аскерлери 30 миң адамга жеткен. Ал түндүктө кыргыздарды жана батышта карлуктарды баш ийдире алган. Чыгышта ал сеянтос тор менен талыкпаган күрөш жүргүзгөн.

…Түндүк талааларында. Көчмөндөр талаасы – жашоо үчүн жайлуу жер. Талаанын борбордук бөлүгүн токой каптаган тоо кыркалары кесип өтүп, ар түрлүү чарбаны өнүктүрүүгө бай мүмкүнчүлүк берет. Бирок түндүктө тайга турмуш үчүн аз жарамдуу жай келет. Мында талаалар тилке-тилке болуп, аны аралай түндүк жакка созулуп, бул жай – Енисейдин жогорку бөлүгү – VII–VIII к.к. өзүнүн мааниси боюнча зор болгон. Ал жерде түрктөрдүн да, уйгурлардын да маданиятына окшобогон кыргыздардын чет жака маданияты түзүлгөн. Тилинин жана жазмасынын окшоштугуна карабастан, кыргыздар өздөрүнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү боюнча түрктөрдөн да, уйгурлардан да алыс.

Кыргыздар түндүктө, чыгышта жана түндүк-батышта Ортолук Азия менен эч жалпычылыгы болбогон элдер менен, тагыраак айтканда, уруулар менен чектешип турган. Бул байыркы сибирликтер өздөрүн коңшуларына каршы коюп, бири-бири менен жалпы тил табыша алгыдай эч кандай бүтүндүктү түзгөн эмес. Кыргыз территориясынын Сибирь тайгасынын урууларына өтө жакындыгы жаратылыш шарттары менен катар кыргыз державасынын өнүгүшүнүн мүмкүнчүлүгүн жана багытын аныктаган. С.В.Киселевдун изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргыз хандыгы бир канча уруунун биримдиги болуп анын башында каган турган.

Кыргыз хандыгынын түндүк чек арасын даректер мындайча сүрөттөйт: «Түндүк-батышта Гэлолуга чейин», б. а., карлуктарга чейин (демек, кыргыздар Томь менен Бийдин жогору жагында Салаир тоо кыркасына чейин үстөмдүк кылган); чыгышта Гулиганиге чейин (б. а., жогорку Ангарада жашаган курыкандарга чейин); түндүктө алар менен саны боюнча кыргыздардан бар болгону үч эсе аз болгон бома же йелочжи деген көп сандуу эл менен «көп убакта салгылашып» турган.

Бомалар жылкы өстүрүшүп, аны менен жер айдашкан, жыгачтан үй курушкан, бирок мамлекет тузүш пөстөн, ар бир урууну өз уруу башчысы башкарган. Бомалар турпаты боюнча кыргыздарга окшош болгон, бирок башка тилде сүйлөгөн. Бул табышмактуу элдин аймагы, кыязы, Алакчин өлкөсү жайгашкан төмөнкү Ангаранын өрөөнү болсо керек. Демек, Кыргыз хандыгынын түндүк чек арасы Красноярскиден (Кызыл жардан) бир аз түндүктөн өткөн.

Ал эми чыгыш чек арасына токтолсок, ал экөө болгон: негизи биринчи чек ара Чыгыш Саяндын этеги боюнча, ал эми экинчиси – Оканын (Ангаранын куймасы) жана Ангаранын суу бөлүгү аркылуу өткөн. Бул эки чек аранын ортосунда үч уруу: дубо, б. а., тувалыктар, меркиттер жана эчжилер жашаган. Мына ушу токон урууларына кыргыздар жортуул жасап, колго түшкөнд өрдү кулга айландырышкан. Токой уруулары эзүүчүлөргө түнкүсүн кол салуу менен жооп беришкен, бирок ийгиликтүү каршылык көрсөтүүгө уюмдаша алышкан эмес. Анын эсесине кыргыздар Ангарада жашаган курыкандардан тийиштүү каршы сокку алып турушкан.

Кытай тарых дареги курыкандарды уруулардын төлөс тобуна кошот жана алардын тилинин кыргыз тилинен айырмачылыгын белгилейт. Курыкандар – якуттардын түп бабасы экендиги, ал эми хакастар – кыргыздардын урук-тукуму экендиги аныкталган соң бул бизди таң калтырбаса керек. Курыкандар бир кыйла жогорку сапаттагы темир эритишкен, чептерди курушкан, алардын калдыгы азыр да сакталып калган, үйүр-үйүр эң сонун жылкы күтүшүп, карапа идиш жасашкан. Алардын искусствосу кыргыздардыкына окшош; кийим-кечеси жана жазмасы – түркчө.

Төлөс уруусу өз тарыхынын ичинде жашаган аймагын бир канча жолу которгон. VII кылымдын ортосунда алардын жайлашуусу төмөнкүдөй болгон. Хангай тоолорунда батыштагы Изобхан дарыясы менен чыгыштагы Орхон дайрасы башталган жердин ортосунда долангэ – теленгиттер, Селенга дайрасынын башында – сыгизгилдер, Селенга менен Орхондун ортосунда – түнлотенгрлер, Селенга менен Орхондун чатында – пугу-бугулар, Төлөй менен Орхондун ортосундагы талаада – уйгурлар, Керуленден түштүккө карай, хэнтей менен хингандын ортосунда – бейегу-байыркылар, Селенга дайрасынын өрөө нүндө, пугудан батыш жакта – сегилер, бапыркудан түндүккө карай – бансилер, Байкал боюнда– гулиган-курыкандар, Алашан тоолорунда – аде-эдиздер, Ордостон батышты карай талаада – хундар жана кибилер жашаган. Төлөс уруусунун түндүк жагында, Енисейдин башталышындагы аймакта кыргыздар, ал эми Байкалдын чыгыш жээгинде бизге белгисиз гуйлобо уруулары жа шаган.

Жунгарияда жана Жети-Сууда төмөндөгү элдер отурукташкан. Кара Иртыш менен Урунгунун бассейндеринде – карлуктар, Борбордук Тянь-Шандагы Или дарыясында – түргөштөр, алардан батышыраакта – шуништер, Жунгария нын түштүк-батышында – нешеттер, Манас дарыясында жана андан чыгышка карай – хулуштар, Түштүк Жунгариянын түштүк бөлүгүндө – басмалдар жана ошол эле жерде орто азиялык хундардын калдыгы – осколоктор жашаган. Кара Иртыштагы карлуктар менен Сыр дарыядагы печенег-кангарлардын ортосунда кеңири талаа жаткан, ал убакта анда кыпчактар байырлаган. Ошондуктан ал Кыпчак-Талаа деп аталып калган. Мында кыпчактар кангарлар менен аралашып, чыгышта – кыпчактар, Европада – командар, ал эми Россияда – половецтер деген ат менен белгилүү болгон элди түзүшкөн. Илгери алар Алтайда кытайлар Чжелян деп атаган өрөөндө жашаган, бул «жыланды» деген сөздөн келип чыккан (азыркы Змеиногорск шаары ушуга байланыштуу).

Мындан тышкары Ордосто жана Алашанда түштүк хуннд ардын калдыктары жана түрк тилинде сүйлөгөн башка уруулардын тукумдары жашаган. Алар да Ашиндин княздарынын ордосун күчөткөн. Жортуулдар жоокерлерди жакындатып, алыскы талааларда тезек каланган очоктун жанында алар акыркы сүр этин ортого салып бөлүшүп, бир-бирине жөлөк болгон. Бир убакта бир-бирин жек көргөн уруулардын баары эми чыгышка да, батышка да жортуулга бирге чыгып, тагдырынын жалпылыгы ар уруулук тегин да жойгон. Албетте, алар өздөрүнүн атабабасы бир-бири менен салгылашып келгенин эсте тутушкан, бирок VII к. 50-жылдарында эле мурунку кастар доско айланып, ал эми жыйырма жыл өткөндө алардын балдары боорлошуп, бир элге – көк түрк элине бир иккен.

* * *

Элдик көтөрүлүш. 679-жылы Шанью букаралыгындагы түрктөрдүн арасында кытайлар үчүн күтүлбөгөн көтөрүлүш башталды. Зор империянын чок ортосунда болуп, бирок башка бардык элдерге караганда эзүүдө болбогондуктан түрктөр өз тагдырына ыраазы болуулары керек эле. Бирок андай болбоду. Тескерисинче, VII к. 70-жылдарынын акырында нааразылык ушунчалык күчөгөндүктөн, бир кыйла жеңил турмушуна караганда айыгышкан азиялык согуштарды артык көрүшкөн. Көтөрүлүш чыгаруу дайыма эле оор иш, ал эч өкмөттүн күчү сан жеткис болуп, көтөрүлүш аймагы курчоодо болгондо жана жардам эч жактан күтүлбөгөндө ого бетер оор. Көтөрүлүштүн чыгышынын себебин түктөр дүн өзү кең-кесири жана ынанымдуу түшүндүрүшөт: «табгач элине алар (түрктөр) өздөрүн күчтүү эркек тукуму менен кулдар жана өздөрүнүн асыл аял тукуму менен күңдөр болуп калышты. Түрк башкаруулары өздөрүнөн түрк наам дарын алып салып, табгачтык наамдарды алып, табгач элине каганына баш ийип берди. Элүү жыл бою алар ага эмгегин жана күчүн берди. Күн чыгыш жакка алга карай согуш менен Бокчи-каганга (Манчжурияга жана Амур боюна) артка, б. а., батышка карай алар согуш менен Темир-капыгага (657 – 658-жылдарда Орто Азиядагы Бузгала өткөөлү) чейин барышты жана табгач каганына өзүнүн мамлекетин жана законун (салтын) өткөрүп берди. Бүт түрк эли мындай деп айтты: «Мен мамлекеттүү эл элем, менин мамлекетим кайда? Башка мамлекеттерди мен ким үчүн караттым?» Алар мындай деп айтышты: «Мен каганы бар эл элем, эми менин каганым кайда? Мен өз эмгегимди жана күчүмдү кайсы каганга берем?» Алар ушундай деп айтып, табгач каганынын душманы болуп калды. «Таншунун» маалыматтарына караганда уруу башчысы Ажидэ көтөрүлүш баштагандар ага дароо эле бүт 24 аймактын уруулары ко шулган.

Бул көтөрүлүштө түрктөр ачыктан-ачык тобокелге салышкан, анткени алар мамлекеттин чок ортосунда болуп, ар тарабынан душмандары менен курчалган эле, алардын оругу (тылы) да, союздаштары да, сан жагынан артыкчылыгы да болгон эмес. Ажын хан тукумунун ханзадасы Нишу-Бегди хан көтөрүшүп, көтөрүлүштү басууга келаткан жазалоо аскерлерди тез эле талкалап салышкан. 10 миңге жакын кытай жоокерлери кырылып, колго түшүп, калгандары качып кутулган. Көтөрүлүшчүлөрдүн саны 100 миң адамга чейин жеткен. Кийинки 680-жылы көтөрүлүштү басууга түрктөрдүн күчүнөн эки эсе басымдуулук кылган армия жиберилген. Түрктөр аны тылынан айланып өтүп, азык-түлүк тартып келаткан киресинди талкалап, натыйжада кытай солдаттарында ачарчылык башталат. Бирок тажрыйбалуу кол башчы Пэй Хин Пянь буктурма уюштурду: ал кирени душмандар ээлеп турган жерлер аркылуу аз сандуу кошундун коштоосунда жөнөтөт. Түрктөр кирени кайтарган кошунду кууп таркатып, аны талап-тоноого киришет. Ошондо киреге бир аз аралыктан көз салып турган тандалма аскерлердин отряды аларды акыркы жоокерине чейин кырып салат. Демилгени колго алган соң кытайлар сан жагынан артыкчылыктан пайдаланып, Хитенань тоолорунун этегинде көтөрүлүшчүлөрдү курчоого алып, биротоло талка лаган.

Бирок бир жыл өтпөй эле жаңы жол башчылардын жетекчилиги астында согуш кайра башталды. Адегенде көтөрүлүштүн башында уруу аксакалдары болуп келсе, эми ага ак сөөктөр жана Кытайда билим алган түрктөр кошулду. «Тан-шу» мындай деп баяндайт: «…682-жылы Гудулу (Кутлуг) да козголоң чыгарды. Гудулу Хете-лийлердин (Кай Иль хандын) алыс туушканы болгон… Мурас боюнча түтүн (байыркы түрктөрдүн офицердик чени) деген наам алган. Фунянь кулагандан кийин көтөрүлүшчүлөрдүн баары таркап, Цзунцашань тоосунун этегине жайгашып, ал жерге Хэйшачен шаарын курушкан. Алардын саны 500 миң, адамга чейин жеткен. Гудулу тогуз урууну (б. а., уйгурларды же тогуз-өгүздү) басып алып, бара-бара үйүр-үйүр жылкыга ээ болуп, акыры өзүн хан көтөргөн. Инилеринен Мочжого (Мочурга) Шад, ал эми Дусифге (Түзел бекке) Яблу деген наам берген. Кутлуг (Гудулу) аскердик чендердин эски системасын калыбына келтирген, демек, тартипти чыңдаган. Журттун баарын эле кошунга чакыруунун ордуна ал согушта такшалган эски төбөлдөрдөн өз отрядын түзгөн. Дагы бир маанилүү нерсе: Кутлуг кытайча билим алган адамдарды: Ажидэ Юань-Чжен менен Тон-ёкукту өз тарабына тартып, аларды пайдаланган. Мындай адамдар душмандын начар жагын, аларга кандайча сокку уруу керектигин жакшы билген. Чынында эле көп өтпөй согуштун жүрүшү өзгөргөн. Тонёкук өзү жөнүндө мындай деп баяндайт: «Мен акылман Тон-ёкук, өзүм Табгач мамлекети үчүн тарбиялангам, анткени бүт түрк эли Табгач мамлекетинин баш ийүүсүндө болгон». Тон-ёкук Ажидэ Юань-Чжень сыяктуу билимдүү түрк болгон, ошондуктан эки жөндөмдүү жеңишчинин жардамы, кыязы, көтөрүлүштүн ийгилигинде маанилүү роль ойногон. Эл кыймылын талкалоону Тон-ёкук мындайча сүрөттөйт: «Карагайлардын жана таштардын арасында көз каранды эмес бойдон калгандар баш кошуп, алар 700 адамдык кошунду түздү. Алардын эки бөлүгү атчандар, бир бөлүгү жөө жоокерлер болгон».

Бүт 682-жылды Кутлуг кошунун уюштурууга жумшады. 683-жылы ал активдүү аракетке киришти. Түрктөрдүн атчандары чагылгандай катуу сокку уруп, Улуу дубалды бойлото Ордост он чыгышка карай бүт дээрлик бекемделген чектерди талкалады. Түрктөр беш аскер округун талкалап, бирөөндө алтынчысында гана соккуга дуушар болгон. Түрктөрдүн ийгиликке жетишине Кытай дагы мамлекеттик көңтөрүш көмөк көрсөткөн. Жесир император аял У-Хау өзүнүн уулу Чжунцзунду камакка алдырып, ага княздык наам берип, Борбордук Кытайга сүргүнгө айдап жиберген. Мындай учурларда болгондой, мурасчынын тарапкерлери да болгон, аларды камакка алып жазалоо керек эле, ошондуктан түрктөргө көңүл бурууга убакыт болгон эмес. 686-жылы гана Шунь-Юйдун кол башчысы Кханьшин көтөрүлүшчүлөргө жортуулга чыгып, Цзунцаймань тоолорунун этегиндеги чыңдалган лагерде жашап жаткан алардын үй-бүлөлөрүн басып алууга умтулган. Кутлуг душманды тосуп чыкты, кан төгүлгөн салгылашууда кытайлар талкаланган. Кытайлар 5 миң адамынан ажырады. Кутлугдун көтөрүлүшү менен бир эле убакта батыш түркүттөрдө да козголоң башталган. 673жылы Кашгарды жана Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы Гүн-Юэ түрк уруусун ыктыярдуу баш ийдирип алышынын аркасында Борбордук Тянь-Шанды кытайлардын бир аз күчү эле кармап турган. Күтүлбөгөн жерден батыш түркүттөр гүн-юэлерге кол салып, алардын «борборун», б. а., княздын бекемделген чебин курчап алышкан. көтөрүлүшчүлөрдүн башында Ашина Кибу-Чур деген киши турган, жөнүнө караганда теиг ханзада, бирок Кутлуг сыяктуу эле такка отурууга түз укугу болгон эмес. Кибу-Чур Балхаш көлүнөн чыгышта жашаган төлөс уруул арын да өз тарабына тарткан.

Чыгышта да, батышта да түрктөрдү боштондукка чыгаруу иши өнүгүшүнүн жаңы мезгилине кирген. Жакшылап ойлонуштурулган заговордун бар экенинде шек жок. Бирок батыштагы түрктөр кытай империясынын тандалма аскерлеринин соккусуна дуушар болуп, алар түрктөрдү Или дарыясын көздөй сүрүп, ал жерде КибуЧурду толук талкалаган.

Бирок Ысык-Көлдүн боюнда төлөстүк жөө жаачылар империялык аскерлерди катуу кысып кирген соң, Кытай кызматындагы көчмөндөр кытай кол башчы Ван фан-Ини кармап берүү менен жансоога алмак болушкан. Муну билген кол башчы уруу төбөлдөрүн өз кошунуна чакырып, 70 козголоңчунун башын алдырган…

…Бул убакта батышта батыш түрктөрдүн калдыгы, он октун түрктөрү дегендер жашаган. Бирок алар өтө алсыз уруу болгон. Тыңчылар бул жөнүндө жеткирген соң Кутлуг батышка жортуул жасоого тобокел кылат.

Түрк ордолорунун Халхада пайда болушу Ханхай букаралыгын дүрбөлөңгө түшүргөн. Халханда жашаган башка төлөс уруулары бейкам турмуштун бүткөнүн түшү нүштү. Ачка качкындар коңшуларын талап-тоношо алышпады, анын үстүнө бул коңшулары алардын душмандарынын букаралары болгон. Албетте, бардык талаа уруулары түрктөргө каршы катуу айыгышкан күрөшкө даярданышы керек эле. Муну түрктөр да жакшы түшүнгөн: «Айланадагы биздин бүт душмандарыбыз жырткыч куштар, ал эми биз алар үчүн тарп элек», – деп жазган Түнүктү. Йолыг-тегин андан да тагыраак баяндайт: «Оң жактан табгач эли, солдо Баз-кагандын тогуз-өгүз эли душман болгон, кыргыздар, курыкандар, отуз-татарлар, кытайлар жана татабалар – баары душман болгон». Ушул учурда тогуз-огуздардын Баз-каганы демилгени колго алат. Ал Кытайга жана кидандарга элчилерди жиберип, Кутлугга туш-туштан кол салууну сунуш кылат; кытайлар түштүктөн, кидандар чыгыштан, уйгурлар түндүктөн кол салмай болот.

Бир гана кыйынчылык: түрктөрдө эки майданда согуш жүргүзүү үчүн бар болгону эки-үч миң жоокери болгон. Бирок Кутлуг тобокелге салды. Башында Ашидэ ЮаньЧжень турган миң атчанды ал Курданды-Арал боюндагы чөлдү жеңип алууга (кыязы, түрктөр артынан түшкөн жоодон ошол жакка жашырынгысы келсе керек) жөнөтөт, эки миң жоокер Тон-ёкуктун башчылыгы менен чабуул баштаган тогуз-огуздарды утурлап түндүккө бет алат. Тон-ёкук Боз-кагандан тезирээк алга жылып, эки жоо Тола суусунун боюнан жолуккан. Уйгурлар 6 миң адам болсо да, түрктөр аларды дарыяга такап, катуу кыргын салышат. Боз-каган курман болуп, тогуз-огуз эли түрк ханына баш иет.

Анын эсесине батыштагы отряддын иши оңунан чыкты. Дал ушул убакта түргөш уруусу күчөй баштаган эле. Түргөштөр Чүй жана Или дарыяларынын ортосундагы аймакты ээлеп турган жана батыш түркүттүк хандарга баш ийген. Түргөштөрдүн уруу башчысы Үчжилэнин бала-тархан деген наамы болгон. Батыш түркүттүк хандар бул убакта Таң өкмөтүнүн төрөлөрү болуп калышкан, ошондуктан алардын букаралардын арасында беделинин көтөрүлүшүнө көмөк көрсөткөн эмес. Жөндөмдүү үчжилэ династияга нааразы болгондордун көпчүлүк бөлүгүн өзүнө тарта алган. «Тан-шу» анын аскерлеринин 140 миң адамга жеткенин белгилейт. Өзүнүн батышка жортуулунда Ажидэ Юань-Чжень түргөштөргө туш келип, согушта каза болот. Мына ошентип, түрктөр үчүн батыш жабык болуп, ал эми түндүк баш калкалар жай болушу мүмкүн эле. Ошондуктан Кутлуг ордосун Отюкен токоюна – Хангайдын жантаймасындагы тоо тайгасына которот. Бул жерде чытырман токойлор менен коктуларга түрктөр империялык жазалоочулардан жашырынышып, бул жерде алар кыйраткыч кол салуулар үчүн базасын түзүп, мунун натыйжасында экинчи каганат келип чыгат. Бирок Толадагы жеңиш менен талаадагы согуш бүткөн эмес. Жазууларга караганда Кутлуг 47 жортуул жасап, 20 жолу салгылашып, «душмандарды тынчтыкка, тизеси барларды тизе бүгүүгө, башы барларды баш ийүүгө мажбур кылган». 693-жылы Кутлуг өлүп, такка анын иниси Мочур (Моч-жо) отуруп, Капаган каган деген титул алган.

Толадагы жеңиштен кийин дээрлик бүт халка түрктөрдүн колуна өтмөк, бирок алардын державасы өтө оор абалда эле. Жаңы букараларына – уйгурларга ишеним аз эле; империянын ээликтерин чыгыштан, түштүктөн жана батыштан жаңы жаралган каганат курчап турган; түндүктө, Сибирде түрктөргө каршы кеңири кыргыз хандыгы жатат, ал эми эң башкысы түрк элинин көпчүлүк бөлүгү Ордосто, душмандын колунда эле. Биринчи кезекте аларды бошотуп алуу керек, ошентип буга Капаган хан киришти.

694-жылы түрктөр Кытайдын чек арасында күтүлбөгөн жерден кол салып, аларды талкалап, көп жоокерди жана калкты туткундап кетет. Ошол эле убакта Капаган хан император аял Уга аны букаралыкка алууну сунуш кылат. Бул империялык өкмөттүн халхада түрк мамлекетинин түзүлүшүнө макулдук бергендик, аны түздөн-түз таа нуу дегендик болор эле. Албетте, кытай козголоңчулар менен оңой эле макулдукка барган жок. 18 аскер башы аларга каршы атчан кытай жана көчмөндөр кошуну менен чыкты, бирок душмандарды табалбай кайра тартышты. Отюкен токою түрктөрдү талкалануудан сактаган. Кытайлар коргонууга өткөн.

Кол салуунун натыйжасында туткундар эмес, Кутлуг менен бирге кетүүгө үлгүрбөй калган жана эми өздөрүнүн уруулаштарына качып келип жаткан ордос түрктөрүн алып кетиши ыктымал. Таш жазууда Капаган хандын саясаты мындай деп баяндалган: «Менин аталашым каган такка отуруп, түрк элин кайра баш коштуруп көтөрдү, мүлксүздөрдү бай кылып, аз сандууларды көп сандуу кылды».

Экинчи бир олуттуу милдет жакын уруулаштарын бошотуп алуу, көчмөн элдер жана уруулар менен мамиле түзүү болгон.

Эң акырында хандын алдында үчүнчү ички саясат милдети турган. Байыркы түрктөрдө мурас боюнча такка отуруу жөнүндө закон болгон, буга ылайык бир тууганынын тагына экинчи бир тууганы отурган. Кытайлар бул тартипти эч маанисиз деп эсептешип, түрктөрдүн иштерине кийлигишип, аны дегеле тоготушкан эмес. Каганатты калыбына келтиргенден кийин түрктөр эски законду калыбына келтиришип, бул боюнча Мочур Капаган хан болуп калган. Бирок ал өзү кытай маданиятынын таасирине баш ийип, такты жээни Можлянга эмес, өз уулу Фугуюге өткөрүп берүүнү туура деп тапкан.

Түрктөрдүн ийгилиги Борбордук Манжуриядагы монгол уруулары – кидандар менен татабдарды да козгоду. Ал түгүл кытай тарыхынын өзү көтөрүлүш үчүн жоопкерчиликти кол башчысы Чжао-Вэнь-Хайга жүктөйт, анткени ал өзүнүн кол алдындагыларга текеберчилик менен мамиле кылган. 695-жылы кидандык уруу башчылары көтөрүлүш чыгарып, Чжао-Вэнь-Хайды өлтүрүшүп анын жардамчысын туткунга алышат. Ошол эле убакта татабалар көтөрүлүп, бирок өз күчтөрүнө ишенбеген соң түрктөр менен союз түзүшөт. Көтөрүлүштү басууга жиберилген тандалма аскерлер кидандар тарабынан талкаланат.

Мына ушул кырдаалдан Капаган хан пайдаланган. Ал император аялга козголоңчуларды басууну сунуш кылат да буга макулдугун алат. Бул жардамы үчүн сыйлык катары аны хан деп таанып, аскер ченин жана княздык наам берген. Капаган хан капилет кол салуу менен кидандарды талкалап, аларды токойго кире качууга аргасыз кылган.

Буга кубанган император аял түрк ханын улуу шаньюй катары таанымак болот, бирок ал бул наамды алгыча болбой Кытай чек арасына кол салып, эки уездди, башкача айтканда, түндүк-чыгыш Ордосту талап-тоноп кетет. Аны империялык армиянын аскерлери кууп чыгат, бирок Тонёкук кол башчылыкты өзүнө алып, «жыйырма үч шаарды талкалоо» менен ийгиликке жетишет. Кытайларды мына ушинтип коркутуп, хан тынчтыктын шартын таңуулайт. Хан император аял өзүн уул катары асырашын, кыздарын кытай княздарына турмушка беришин, Ордосто калган түрктөрдү бошотушун жана башкаларды талап кылат. Албетте, мындан баш тартышат. Ошондо хан сүйлөшүүлөрдү токтотуп, элчилерди барымтага кармап калып, аскерлерин кидандардын жеринен чыгарып кетет. Кидандар дароо токойлордон чыгып, Ванюн княздын айланасына биригишет. Ал кайрадан кытайларга кол салып, Цзичжоу уездин талкалайт. Кидандарга каршы зор армия – 170 миң аскер жиберилет, бирок ал таптакыр талкаланат. Кидандарга каршы жардам алуу үчүн император аял түрк ханынын бардык талаптарын кабыл алууга аргасыз болот.

698-жылдагы катуу согуш түрктөрдүн да, кытайлардын да күчүн убактылуу алсыратты. Мына ушундан түргөштөрдүн уруу башчысы Ичжилэ пайдаланды. Ал Кытайга жан тарткандардын уруу башчысы, жөндөмсүз Ашинча Хусэло ханды кысымга алып, ал 60–70 миң кал кы менен 699-жылы ички Кытайга көчө качууга аргасыз болгон. Түргөш хандыгынын негизги аймагы Или дайрасынын өрөөнүндө жана Тянь-Шандын түндүк тоо этектеринде болгон. Хандын түштүк жайкы конушу азыркы Токмок шаарынын жанында, ал эми түндүк конушу Гун-Юэ уруусунун жеринде болгон. Бул жерлерди басып алууну бекемдөө үчүн Үчжилэ Кытайга өзүнүн экинчи уулу Чжену башчылык кылган элчилик жиберген. Элчилик мээримдүү кабыл алынып, ушунун өзү менен басып алынган жерлер бекемделген. Бирок буга түрктөр кош көңүл карабады. Алар Батыш Жунгарияда түргөштөр өз державасына кошуп алууга үлгүрө элек Чүй уруулары (орто азиялык хунн дардын тукумдары) жашап жаткандан пайдаланышкан. «Кагандын державасын жана бийлигин кеңейтүү үчүн» умтулуп, Жети-Сууга жакын жерлерди басып алуу максатында хандын жээндери Могилянь тардуш-шад жана анын он алты жашар иниси Күлтег ин Чүй урууларына жортуул жасашып, 701-жылы аларды багындырышкан…

…709-жылдагы кырдаалды акылман Тон-ёкук мындай деп эң сонун сүрөттөп жазган: «Табгачтардын каганы душманыбыз болгон. Он жебенин каганы (батыш түркт өрдүн, бул учурда түргөштөрдүн жаңы Согэ) душманы быз болгон. Бирок баарыдан да биздин душманыбыз кыр гыздардын күчтүү каганы болгон. Бул үч каган макулд ашып: «Алтүндүн чытырман токойлоруна барабыз» – деп айтышты».

Акылман Тон-ёкук Капаган хандын убагында да хандын кеңешчиси деген өз кызматын сактап калган, бирок бийликтен четтетилген ханзадалар менен байланышын үзбөй, тескерисинче, өзүнүн кызы Пофуну тактын мурасчысы – тартуштардын шады Могилянга күйөөгө берген. Каганаттын батыш чек арасындагы аскерлерине колбашчылык кылып, Могилянь 709-жылы чиктердин аймагына каптап кирип, Енисейдин баш жагын кечип өтүп, Оржендин жанында алардын аскерлерин талкалайт, андан кийин аз деген урууларды багындырат. Ошол эле убакта ал азыркы убактагы Туванын бүт аймагын багындырган, бирок башкы душман – кыргыздар Саян тоолорунун артында кол жеткис жерде кала берген. Чиктер менен аздарды баш ийдирүү кыргыздардын кол салуусун алыстатканы менен аны жойгон жок. Ошондо Тон-ёкук кайрадан киришти. Ал демилгени колго алууну сунуш кылып, жайдын келишин күтүп отурбастан эле капыст ыктан пайдаланып кыргыздарга кол салууну жана аларды талкалоону сунуш кылды. Эң башкы кыйынчылык Саян тоо кыркасынын ашуусуз белдеринен өтүүдө эле, анткени Кохмэн (Батыш Саяндар) аркылуу ашууда кароол болгон. Ашууга чабуул коюудан эчтеке чыкмак эмес, анткени кыргыздар 80 миң кол курап, түргөштөр менен табгачтар келгиче түрк армиясын токтото алмак. Кол чогултуу жагынан кыргыздардын артыкчылыгы болгон: алар сугат дыйканчылыгы менен кесип кылышкан, демек, калкы чогуу жашаган. Ошондой эле самандын болушу миңгич аттарды жайытта эмес, колдо кармоого мүмкүнчүлүк берген. Түрктөр капысынан кол салганда гана ийгиликтен үмүттөнө алышмак. Тон-ёкук «талаа аз уруусунан» жол көрсөткүч адамды ала кеткен. Ойлоштурулбаган бул жортуул аргасыз тобокелге салуу эле, бирок хан буга макул болуп, Тон-ёкукту кол башчылыкка дайындап, ага жардамчылар катары өзү жактырбаган аталаш инилерин кошуп берген. Андан аркы окуя ларды Тон-ёкуктун өзү эң сонун баяндайт: «Мен аскерлерге алга карай аттанууга буйрук бердим. Актермелден өткөндөн кийин өрүүгө буйрук бердим (кыязы, бул жерде ашык нерсенин баары, башкача айтканда, калтырууга мүмкүн болгондун баары ташталса керек). Аттангандан кийин мен кар аркылуу жол ачтым. Аттарыбызды жөө жетелеп, колго таяк кармап тоонун кырына чыктык. Алдыда бараткандар чыйыр салып, биз токой каптаган чоку аркылуу ашып түштүк. Зор кыйынчылык менен төмөн түшүп, он түн бою (душманды чочутуп албас үчүн күндүз жол жүрүүдөн сактандык) көчкүлөрдү айланып өтүп, тоо этектеп жүрүп отурдук. Жолдо адаштырган жол көрсөткүч бычактап өлтүрүлдү. Биз Ана дарыясын бойлоп төмөн бет алдык. Өз аскерлерибизди санап чыгуу үчүн токтоого буйрук берип, аттарыбызды карагайга байлап койдук (кыязы, бир кыйласы жолдо калып, тоңуп өлсө керек). Күндүр-түндүр чаап жүрүп отурдук. Биз кыргыздарга түнкүсүн уйку үстүндө кол салып, найзалар менен жол ачтык. Алардын ханы жана аскерлери чогулду».

Салгылашуу жөнүндө Поллых-тегин мындай деп жакшы баяндайт: «Биз алардын каганы менен Сунганын жанында салгылаштык. Култегин байыркулук ак боз айгырына минип чабуулга кирди, бирөөнү жаа менен, экөөнү найза менен жайлады. Бул салгылашууда байыркулук ак боз айгырынын кабыргасы сынып мерт болду. Биз кыргыз ханын өлтүрүп, мамлекетин басып алдык». Тон-ёкук мындай деп түшүндүрөт: «Биз алардын ханын өлтүрдүк. Кыргыз эли кагандын букаралыгына кирип, ага баш ийип калды».

Ошентип, Тон-ёкуктун бөтөнчө айлакерлигинин, Күлтегиндин эрдигинин жана түрк жоокерлеринин чыдамдуулугунун аркасында коалициянын мүчөлөрүнүн бири катардан чыгарылган. Кыргыз жергесин баш ийдирүү үстүртөдөн болгон деп болжоого болот, анткени Тонёкук ал жерге сакчы аскерлерин калтырган эмес. Бирок эми аркадан сокку уруудан коркпой, бүт көңүлдү батыш маселелерине бурууга болот эле.

…708-жылы түргөштөрдүн ханы Согэ Кытай менен союздаштык келишим түзөт. Кыязы, Тон-ёкук дал ушул келишимди айтып жатса керек. Бирок зор түргөш мамлекети бошоң эле, анткени ал ыркы бузулган, ыдырап бараткан Батыш Түрк каганатын мураска алган. Кыязы мамлекеттик саясаттан алыс себептер боюнча «Согэ өзүнүн кол башчысы Кули-Чур менен чатакташып, экөө тең өз ара айыгышкан согушту баштаган». Согэ өзүнүн букарасына даттанып, Кытай өкмөтүнө кайрылат, бирок кол башчы пара берип, ишти анын пайдасына чечүүгө тийиш болгон төрөнүн жиберилишине жетишет.

Согэ кокусунан катты кармап алып, төрөнү өлтүрөт.

Андан кийин түрктөргө каршы күрөшүүнүн ордуна Ань-си (Куча) чебине кол салып, анда кытай аскерлерин талкалайт. Ал муну кытай өкмөтүн өзү менен эсептешүүгө мажбурлоо максаты менен жасап, буга жетишет. Император «аны кечирип», батыштагы тынчтык калыбына келтирилген. Бир кырсыктын артынан экинчи кырсык башталат. Согэ өзүнүн иниси Чженуга жер бөлүп берет, бирок мага жерди аз бөлүп берди деп таарынып, 710-жылы агасын жазалоо үчүн түрк ханынын тарабына өтүп кетет. Акылман Тон-ёкуктун төмөндөгүдөй жазганы Чженуну эске алып жатса керек: «Түргөш каганынан тынчы (балким, «байкоочу» деген мааниде чыгар) өтүп келди. Анын сөзү мындай: «Чыгыштан каганга жортуулга чыгалы» – дейт ал. Эгерде биз жортуулга чыкпасак ал бизди жеңип кетет. Түргөштөрдүн каганы жортуулга жөнөп кетти. «Он жебенин» эли бири да калбастан жортуулга кетти, алардын арасында табгачтардын да аскерлери бар».

Капаган хан өзү түргөштөргө кол салууга батына ал бады, анткени анын башкы күчтөрү Чыгышта топтолгон эле. Аялынын сөөгүн коём деген шылтоо менен ал ордодо калып, Алтын токоюнда 20 миң атчандарды калтырат. Бул аскерлерге башчы катары кенже уулу Инэл каганды жана тардуш шадасы Могилянды, ал эми кеңешчи-жетекчи (штабдын башчысы) катары Тон-ёукту дайындаган. Тон-ёкукка коргонуу гана керек деген көрсөтмө берилген. Бирок Тон-ёкук өз алдынча аракеттенип, чакан армиясын чабуулга жөнөттү. Душман үчүн күтүлбөгөн шартта кол салуу адетин колдонуп, ал Алтаин-Нуранын калың токой каптаган кырларын ашып, Кара Иртышты кечип өтүп, бир түндүн ичинде Балчу дайрасына жетип барат. Ал жерде капарсыз уктап жаткан түрктөргө кол салып, катуу талкалаган, ал эми Сога каган туткунга түшкөн. Ошентип, түргөштөрдүн мамлекети кулаган. «Бектер жана он жебенин эли бүт баш ийип берген». Ийгиликти бекемдеп, түргөштөрдүн калдыгын кууп отуруп, түрктөрдүн армиясы түштүккө карай бет алып, түрктөр «Темир дарбаза» деп атаган Бузгала өткөөлүнө чейин жеткен. Бирок алардын андан ары алга жылышын түштүктөн Орто Азияга келе жаткан арабдар токтоткон. Бул операциянын убагында түштүккө чегинип бараткан түргөштөрдү жана Орто Азияда али сакталып калган Нушибийлик акыркы княздардын бири Кошу-Тутукту талкалоо менен Күлтегин өзүн даңкка бөлөгөн. 710–711-жылдарда Батыштан болгон коркунуч жоюлган.

Капаган хан толук жеңип, колго түшкөн Согэ жана олжо жөнүндө кабар алганда батышты толук жеңилип алынды деп эсептеген жана түргөш хандарынын болушун керексиз деп тапкан. Ошондуктан ал чыккынчы Чжелуга мындай деп айткан: «Силер бир туугандар болуп туруп өз ара ынтымакта жашай албадыңар, эми мага берилип кызмат өтөй аласыңарбы?» – анан экөөнө тең 711-жылы өлүм өкүмүн чыгарган. Бирок ал шашылып, анткени батыш багындырылганы менен али биротоло баш ийдириле элек болучу. Кара Иртыштын боюнда жана Тарбагатайда жашаган карлуктан «эркиндик жана көз каранды эместик үчүн түрктөргө каршы чыккан. Батыштагы түркт өрдүн 714-жылы империянын бийлигин кулатууга жасаган аракети ордунан чыккан жок. Империялык генерал Ашина Хянь көтөрүлүшчүлөрдү Суйлуэнин (Токмоктун) жанында талкалап, алардын кол башчысын дарга аскан. Бул жеңиштен кийин карлуктар жана башка уруулар өздөрүн империянын букаралары деп таанып, түрктөргө жана түргөштөргө каршы аны менен союзга кирген.

Батыштагы коалициянын оңунан чыкпагандыгы түрктөр үчүн чыгышта кытай чабуулунун коркунучун жойгон жок. 712-жылы жүз жыйырма миң аскерден турган кытай армиясы эки корпуска бөлүнүп, татабдарга кол салып, алардан талкаланды. Дүрбөлөң түшүп чегинүүдө «бир канча ондогон миң жоокер өлүп, «эки генерал туткунга түшүп берди». Татабдар колго түшкөндөрдү түрк ханына өткөрүп берип, хан аларды дарга асууга буйрук берген. Иши оңолбогон император Чжун Цзун-ду өзү сүйгөн аялы уу берип өлтүрүп, такка Сюань-Цзун отурган. Түрк жаңы нике менен бекемделген тынчтык келишим түзүүнү талап кылып, буга империялык өкмөт аргасыз макул болот. Ханга княжня аты бар князь кызын күйөөгө беришип, 714-жылы «Жакшы тилек грамотасы» жиберилет.

Бул түрктөрдүн аскердик кубаттуулугунун жеткен чеги эле.

Империянын башынан өткөн зор кырсыктар жаңы император Сюань-Цзунду Азиядагы гегемония үчүн күрөштөн баш тартууга мажбурлай албады. Ага өтө пайдалуу жардамчы – Капаган хандын өзү да пайда болду. «Таншу» кырдаалдын өзгөрүшүн хандын жеке өзгөчө лүктөрү менен, «букараларына таш боордук мамилеси, ал эми карыганда алжып, заардуу болуп кеткендиги» менен түшүндүрөт. Чынында эле, 714-жылдын акырында Күлтегинге каршы согушуп келген карлуктар, хулубулар жана шуништер империяга өздөрүн букаралыкка алууну сунуш кылышты. Жети-Суудагы жана Тянь-Шандын этегиндеги батыш түрктөрү империянын пайдасына каганатка каршы көтөрүлүш чыгарышты. Татабдар, алардын артынан кадандар империя тарабына өттү. Бирок хан үчүн баарыдан жаман болгону тогуз-огуздар багындырылган эмес эле, кошулган «анын өз эли» да көтөрүлүш чыгарып, Гобиде ги, Иньшандагы жана Алтайдагы түрктөрдүн үч акими душман тарабына өтүп кетиши эле. Империялыктардын Жунгариядагы таяныч пункту – Бишбалыкты талкалоого түрктөрдүн аракети аларды толук талкаланышы менен аяктады. Мында түрк кол башчыларынын бири туткунга түшүп, шаар дарбазаларынын алдында башы алынган, ал эми экинчиси ханга кайра барууга батына албай Кытайга качып кеткен. 717-жылдын башында түрк ханына берилген аскерлер айланта курчалган көтөрүлүштөрдүн чок ортосунда калган.

Күлтегин. Акылман Тон-ёкук түрк колунун башына туруу үчүн өтө карыган эле. 716-жылы ал 70 жашта болгон. Каганатты сактап калуу Күлтегинге туш келди. Төрт жыл бою (711–715) ал карлуктар менен салгылашып, 716-жылы гана Тамаг ыйык тоосунун этегинде ал карлуктардын аскерин талкалап, каганатка баш ийүүгө мажбур кылды. Бирок бул убакта мамлекетти көтөрүлүш каптап, өз элине кайтып келаткан жолдо аздардын каршылыгына туш келген. Аздар Каракөлдүн жанында жеңилип, бүт кырылган. Үйүнө келгенде Күлтегин уруулар ортосундагы согуш кызуу жүрүп жатканынын үстүнөн чыкты. Өзүнүн ветерандары менен ал изгилдерге каптап кирип, аларды талкалап, катуу кыргын салгандыктан изгилдердин ал түгүл аты да угулбай калган. Тогу шаарынын жанында түрктөрдүн тогуз-огуздар менен биринчи салгылашуусу болуп, Күлтегиндин бүт эрдигине карабастан жеңишке жетишкен эмес. Кушгалактын жанында эдиздер талкаланып бүт кырылган, андан кийин тогуз-огуздардын колу талкаланган.

716-жылы жазында Капаган хан жээнинин даңкына ичи тардык кылып, тогуз-огуздарга каршы аскерлерди өзү баштап чыккан. Күлтегин ордону, башкача айтканда, аялдар менен балдарды коргоого алган. Ошондо карлуктар өч алууга мезгил жетти деп эссптешкен. Алар эки майданда согушуу үчүн түрктөрдө миңгич аттар жетишпейт деп болжошкон. Негизги түрк күчтөрүнүн чыгышка кеткенинен пайдаланып, алар Алтайга эки отрядын жөнөткөн, алардын бири түрктөрдүн аскерлерин тосуп, ал эми экинчиси ордону чаап алышы керек болгон. Бирок ордону коргоп турган Күлтегиндин дагы даңкы чыкты. Теңсиз согушта өлүм же күң болуу коркунучу башына түшкөн аялдарды коргоп, ал «тогуз баатырды сайып өлтүрүп, ордону сактап калган». Бул убакта Капаган хан кумдуу чөлдүн түндүк жагындагы козголоңчулардын колун талкалаган. Андан кийинки кезек байыркы уруусуна келип, алар 716-жылы Толе дайрасынын боюнда талкаланган. Бирок мында бир окуя болот. Жеңиштен кайтып келатканда хан жан-жөкөрлөрүнөн алдыга алыстап, токой аркылуу жалгыз баратканда талкаланган байыркулуктардын калдыктарына туш келет. Жалгыз атчанды көргөн соң, алар ага кол салып, аттан сүйрөп түшүп өлтүрүп коюшат. Хандын алынган башы кытай элчисине жиберилет. Ал аны Чаньанга жөнөтөт. Хан өлгөндөн ки йин тактын мурасчысы жөнүндө маселе келип чыгат. Капаган хан өзүнүн мурасчысы катары улуу уулун дайындаган болучу, ал Кучук хан, башкача айтканда, «кичине хан» деген наам алып жүргөн. Зеки түрк салты боюнча мурасчы тардуштардын шады Могилянь болгон, ал эми түрктөрдүн «түбөлүк элинин» чыныгы жол башчысы Күлтегин баатыр болгон.

Күлтегин демилгени өз колуна алып, аскердик көңтөрүш жасайт, ал өзү кайтарып турган ордого кол салат. Кучук хан жана Капаган хандын кеңешчилери өлтүрүлөт. Капаган хандын бир эле уулу жана кызы болуп, уулу Кытайда жүргөн, кызы күйөөдө болгон. Күлтегин эски салтты бузган жок жана хандыкты алган жок, өзүнүн агасын Билге хан деген наам менен такка отургузган. Билге хан өзү «эмгек сиңирбестен» такка отурганын, инисинин колундагы оюнчук экенин түшүнгөн. Ошондуктан эл инисин аскерлердин кол башчылыгына, башкача айтканда, каганаттын кожоюндугуна дайындаган. Бардык төрөлөрдүн ичинен жаңы хандын кайнатасы Тон-ёкук гана жалгыз аман калган. Билге хан бийликке келгенден кийин дароо тынчтык келишимин түзүүнү сунуш кылган, бирок империялык өкмөт буга макул гана болбостон, кайра согуш аракеттерин күчөткөн. Бирок түндүк армия сынын ийгиликтери жөнүндө кытай маалыматтарында жок. Каганаттагы жаңы өкмөт турмушка толук жарамдуу болуп чыкты. Зомбулук саясаты Капаган хандын ысмын төлөс уруулары үчүн жек көрүнчү кылган. Түрктөр менен согуштарда жеңилүүгө учурап, алардын көпчүлүгү түштүккө качып, Кытайга өтүп кеткен. Бирок талаан ын «узун кулагы» көңтөрүш жөнүндө кабарды аларга жеткиргенде алар жаңы мырзаларын таштап, өз жерлерине кайта баштаган. Иштин мындай тескери айланышын кытайлар Тон-ёкуктун көчмөндөргө болгон таасири менен түшүндүргөн, бирок Билге хан жарыялаган жаңы саясат принциптери да, кыязы, бир кыйла мааниге ээ болгон. Кандай да болсо төлөстөрдүн кайтып келиши каганаттын кубаттуулугун калыбына келтирип, империялык дипломатиянын ийгилигин жокко чыгарган.

Тон-ёкук. 717-жылы эле империялык өкмөт үчүн эң ылайыктуусу ички согуштарынан алсыраган түрктөргө кол салуу эле. Бирок кырдаал буга тоскоол болду. 716жылы Батышта түргөштөрдүн мамлекети түзүлүп, алардын жол башчысы Сулу империяга ачыктан-ачык каршы болгон. Мунун себеби батыш аймакта империянын уполномочендери Ашина ханзадалары, башкача айтканда, батыш түрктүк закондуу хандар болуп, түргөштөр алардан гегемонияны тартып алууга умтулгандыгында болгон. Ашина Хянь Кытайдан кошумча күчтөрдү сураган, бирок бул орундалган эмес. Өкмөт Сулу менен макулдашмак болуп, ага кол башчынын кызматын жана княздык наам берген. Бирок элчилик кербен жолу менен жайбаракат жеткиче болбой, Сулу кырдаал ал үчүн канчалык ыңгайлуу экендигин билбесе да согуш аракеттерин баштаган. Кучанын акиминин жардамчысы түргөштөргө каршы күрөшүү үчүн карлуктарды жалдап, Ашина Хянь менен бирге Сулуга кол салган, бирок борбордо жардам болбогон соң ийгиликке жетише албады. 717-жылы Сулу тынчтык сунушу менен Чаньанга элчилик жиберип, ал эми 719-жылы Чжүн-шүн хан, башкача айтканда, ишенимдүү жана тил алчаак хан деген наам алган. Наам чындыкка ылайык келген эмес, бирок арабдардын чабуул у түргөштөрдүн колун байлап, алар империя үчүн коркунучсуз болуп калган.

Экинчи бир кырсык Чыгышта башталды. Кидандык уруу башчылардын бири Кэтуган империяга жан тарткан князды өлтүрүп коюп, ал үчүн жазалоого келген кытайтатабий отрядын 718-жылы талкалаган. Бул жаңжал басылганча бир жыл өтүп, 720-жылы гана империялык армия түрк ханына каршы чыга алган. Бул убакта империялык дипломатия зор ийгиликке жетишет, ал түркт өргө каршы союзга Жунгариянын түштүк-батышында жашаган басмалдар уруусун тарта алды. Басмалдар улуу түрк каганатынын калдыгы болуп, Ашина тукумунан чыккан княздар башкарып турган. Чаньанда иштелип чыккан план боюнча кидандар, татабалар жана басмалдар ар башка жол менен, бирок бир убакта Билге хандын ордосуна келип, аны колго түшүрүп алышы керек болучу. Алдыда бараткандарды колдоо үчүн 300 миң адамдык империялык армия топтолгон. Бул план дегеле аткарылгыс экендигин байкоо оңой, анткени Манжурияда жана Казакстанда аскерлердин кыймылын макулдашуу дегеле мүмкүн эмес, анын үстүнө көчмөн княздардын гана эмес, империялык кол башчылардын ортосунда ынтымак жок эле. Тон-ёкук муну эске алып, ханга тынчсызданбоого, ал эми душман келгенден үч күн мурда түндүккө чегинип кетүүгө, кытайлардын азыгы түгөнгүчө күтө турууга кеңеш берген. Бирок башка бир окуя болду. Басм алдар биринчи болуп түрк ордосуна келишти, бирок өздөрүнүн союздаштары кечигип калганын билип кайра чегиништи. Тон-ёкуктун кеңеши боюнча аларды жайына кошту, башкача айтканда, тынымсыз жол жүрүү менен алардын аттарынын жана адамдарынын арып-чаалыгышына мүмкүндүк беришти, ал эми өздөрү таскактаткан бойдон Бэитин-Бишбалыкка бет алышат, күтүл бөгөн жерден кол салып, аны басып алышты. Чарчап-чаалыккан басмалдар өздөрүнүн чабуул коюу базасы болгон Бишбалыкка келишкенде ал жерде эс алуу жана тамак-аштын ордуна душмандарга туш келишти. Чептин дубалынын түбүндө курчоого алынган басмалдар багынып беришти.

Билге хан. Түрктөр тышкы душманды гана эмес, ички душманды да жеңип чыгып, өлкөдө бейкут мезгил башталды. Бирок буга жазалоо жортуулдары менен гана эмес, ички саясатты өзгөртүү менен жетишилген эле. Билге хан мындай деп жазат: «Мен бай элдин падышалыгына такка отурган жокмун, мен курсагында тамагы, сыртында кийими болбогон жакыр жана алсыз элдин тагына отурдум.

Күлтегин бийликти тартып алганда Капаган хандын бүт жан-жөкөрлөрүн жана кеңешчилерин, башкача айтканда, тогуз-огуздар үчүн жек көрүмчү адамдарды кырган болучу, анткени дал ошол адамдар Капаган ханды көтөрүлүштүн чыгышына алып келген саясатка түрт үшкөн. Билге хан өзү элге кайрылуу нун ыгын өзгөрт көндүгүн белгилейт. Билге хан ички түрк проблемасын да ийгиликтүү чечкен. Түрктөрдүн көбү 716-жылдагы көтөрүлүштүн убагында мамлекеттик кеңешчилерди муузд аттырганына нааразы болуп, «эки анжы» боло баштаган. Тон-ёкукту кызматка чакыруу менен Билге хан нааразы болгондорду жол башчысынан ажыраткан. Билге хан тышкы саясатты да чечкиндүү өзгөрткөн. Ал империя менен тынчтыкка жетишкен. Эң сонун жеңиштен кийин дароо эле императорго кайрылып, «Теңирдин уулун атасы баласы урматтагандай урмат тоого убада берген. Император буга макул болгон». Бул ыкка көңүл берүү эле: мындай урмат көрсөтүү ханды эч нерсеге милдеттендирген эмес жана өзү каалаган бейкуттукту берген. Император бул маселени коюуга көчмөндөр талаасында үстүртөдөн гегомон болуп кала берген жана өз беделин сактап калган. Бирок ага түрктөрдөн барымта алышы зарыл болгон, ошондуктан ал бир түрк төрөсүн императордун сакчыларынын катарында кызмат өтөшүн талап кылган.

Түрктөрдү жазалоонун акыркы аракети 722-жылы жасалган. Билге ханды, Күлтегинди жана Тон-ёкукту Кытайга келип-кетүүгө жана Тайшань тоосунда император өзү өткөрө турган курман чалуунун салтанаттуу аземине катышууга чакырышкан. Кытайлар ханды жана анын жан-жөкөрлөрүн барымтага кармап алышары баарына, анын ичинде чакырылгандарга айдан ачык эле, ошондуктан мындай жогорку урмат көрсөткөндүктөрү үчүн алкыш айтуу менен чектелишкен. Билге хан жооп иретинде ханыша кызын аялдыкка берүүнү талап кылган. Император буга макул болгон жок, анткени бул Каганатты юридикалык жактан таануу, башкача айтканда, өзүнүн күчсүздүгүн моюнга алуу дегендик болмок. Хан императордун айтканына макул болуп, жыл сайын Чаньан га бир төрөнү «кызматка» жөнөтүп турган. Билге хан өзүнө Жети-Сууну кайтарып алууга же Тянь-Шандан түштүккө карай жерлерди ээлеп алууга шашылган эмес. Анткени бул жерде тибеттер күч алып жатышкан болучу. Ал түгүл түркшатолор, орто азиялык хундардын тукумдары жашаган Түштүк Жунгария 714-жылы империя нын бийлигине өткөн бойдон кала берген. Каганаттан Саяндык кыргыздар да бөлүнүп кеткен. Бул кыргыздардын элчилери СюаныЦзунга (713–715) төрт жолу келип-кеткендигинен көрүнүп турат. Кыргыздарды жеңип чыккандыктын бирден бир дареги катары Капаган хандын мүрзөсүнө коюлган жана 710-жылы өлтүрүлгөн кыргыз ханынын сүрөтү тартылган балбал коюлган. Билге хандын ийкемдүү саясатынын аркасында түзүлгөн тынчтык чындыгында сакталып турган. Тибет империяга каршы кайрадан согуш баштап, түрк каганатына жалпы душманга каршы чыгууну сунуш кылган. Билге хан өзүнүн калыстыгынын далили катары тибеттик грамотаны императорго берип жиберген. 725-жылы хандын ордосуна империянын элчиси келип, аны салтанаттуу кабыл алышып, үч уруу түрк – Билге хан, Күлтегин жана Тон-ёкук аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Бул убакта түштүктө көчүп жүргөн уйгурлар кытайлар менен ымалага келише албады. Кидандар да Кытайга каршы мамиледе болгон. Алардын уруу башчысы Кэтуган Кытайдын койгон адамы князь Шаогуну өлтүрүп, татабилер менен бирге 730-жылы түрктөргө карап берген. Аларга каршы сегиз корпустан турган армия жиберилип, татабилер багынган, ал эми өжөр кидандар 732-жылы талкаланган. Кийинки жылы Кэтуган түрк аскерлери менен кайтып келет. 10 миң адамдан турган империялык аскерлер татабилердин жардамга келген аскерлери менен бирге душманга кол салат, бирок Тунгк ер тоосундагы салгылашуунун убагында татабилер качып кетип, империялык аскерлер талкаланат. Мурда Кытайда болуп, 727-жылы эле жеке жолугушууда Сюань-Цзундан көп белек алган түрк төрөсү 734-жылы Билге ханга уу берип өлтүрөт. Хан өлөрдүн алдында чыккынчыны жана анын бүт тукумун кырууга буйрук берген. Император изин жашыруу үчүн көңүл айтуу максатында элчисин жиберген. Бирок согуш келип чыкпады. Билге хандын мурасчысы, анын уулу Йоллых хан Каганаттын төбөлдөрүнүн бүт макулдугу менен такка отурат. Бул жазуучу жана тарыхчы, эки орхон жазууларынын текстинин автору болгон. Өзүнүн атасынын саясатын улантып, ал курчуп кеткен абалдан чыгуунун аргасын издеп, Кытайга үч элчилик жөнөткөн.

731-жылы Күлтегин дүйнөдөн кайтат. Кытай императору көңүл айтуу баяндалган манифест менен атайын элчилик жөнөтөт. Элчилик менен кошо барган устаттар Орхондун боюна заңгыраган күмбөз курушат. Андагы кытай жана түрк тилиндеги жазуулар сакталып калган. Анда Күлтегиндин сөөгүн коюу аземи бүт сүрөттөлүп жазылган. Мунун өзү кызыкчылык туудурат, анткени VIII кылымда эл аралык мамилелерди кеңири баяндайт. «Кошок кошкондор жана жоктоп ыйлагандар катары башында Удар-Сенчун турган кытайлар менен татабилер келишти, табгачтардын каганынан Исьи менен Ликенг көп белектер жана сан жеткис алтын жана күмүш менен келишти. Тибет каганынан белек, күн баткан өлкөлөрдөн: Согда, Берчекере жана Бухара элдеринен Нек-Сенгун менен Огун-Тархан келишти. Он жебенин элинен жана менин Түргөш каганымдын уулунан мөөр ээси Макрач жана мөөр ээси Өгүз-Билге келишти, кыргыз ханынан

Чур-Тардуш ынанчу келди…»

Бул жерде каганаттын эң жакын коңшулары көрсөтүлгөн, анткени 732-жылы бардык чек араларда тынчтык орнотулган болучу. Экинчи каганат кандарынын бардык күч-аракеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө карабастан, биринчи каганаттын көлөкөсү гана болгон, ошондуктан 734-жылы Билге-хандын сөөгүн коюуну сүрөттөгөндө чет өлкөлүктөр жөнүндө дегеле сөз болбостон түрк төбөлдөрү гана эске алынган. Жогоруда аталган уруулар: абарлар, үч-курыкандар, отуз-татарлар жөнүндө да сөз жок. Бирок мунун өзү түшүнүктүү: абарлар Иленин орто ченинде жашап, Капаган-хан тарабынан жеңилип алынган, демек, өз алдынча эл болуудан калган. Якуттардын бабалары үч-курыкандар түрктөрдөн Сибирь тайгасын көздөй качып, өз душмандары менен мамиле түзүүгө муктажы болгон эмес.

Күл-Тегинге эстелик. Күл-Тегиндин өрттөлгөн сөөгү император Сюань-Цзун жиберген Кытай чеберлери курган эң сонун эстеликтин алдына көмүлгөн. Бул курулуштун урандысын 1889-жылы Н. М. Ядринцев таап, 1891-жылы В. В. Радлов тарабынан изилденген. Бир канча жолу ар түрдүү саякатчылар болгон, эң акырында чех археологу Йиел толук сүрөттөп жазган.

Өлчөмү 80×40 метр келген бүт курулуш чыгыштан батышка созулуп жатат. Ал аң жана чопо дубал менен курчалган. Дубалдар карапа такталары менен жабдылып майланган жана акталган. Дарбазанын алдында – маңдайлаш орнотулган эки кочкордун мрамор статуясы, анын артында таш төшөлгөн жол жана жаан суусу үчүн карапа түтүгү бар бөлмө, мындан ашык суу агып чыгат. Алардын артында мрамор таш баканын (түбөлүктүн кытай белгиси) жонуна жазуусу бар атактуу такта орнотулган. Археологдун пикири боюнча, такта карапа менен жабылган павильонго орнотулган, павильондун дубалы шыбалган жана акталган. Андан храмды көздөй жол кетет, анын эки жагында кадимкидей чоңдуктагы төрөлөрдүн жана малайлардын статуялары турат, алар ардак кароолду элестеткенсийт. Храмдын ичинде очогу бар сыйынуучу жай жана Күл-Тегиндин, анын аялынын мрамор статуялары. Эстеликти бүтүндөй 3 километрге созулган туташ балбандар курчап турат.

Орхон-тексттери, анын түзүлүшүнүн жана жарыяланышынын мезгили. Мында эки эстелик бар: эки кичине жана чоң жазуусу бар Күл-Тегиндин мүрзө ташы жана Селенганын боюндагы Тон-ёкуктун жазуусу. Ошол жерде эле Орхондун жээгинде түбөлүккө эскерүүгө калтырылган. Күл-Тегинге жана Билге-ханга кытайлык эпитафиялар катарлаш тексттер болуп саналат. Экинчи эстелик чала сакталган, бирок биринчиси бир кыйла толук болбогондуктан зор кыйынчылык туудурат. Анык-тоо керек болгон биринчи суроо-качан курулганы. Күл-Тегиндин чоң жазуусуна эстеликтин курулушунун так мезгили көрсөтүлгөн: «Маймыл жылы (732-жыл), жетинин айынын жыйырма жетинчи күнү». Ошол эле убакта Кытай эпитафиясы да көрсөтөт. Мазмунунан ачык көрүнүп тургандай кытай тексти сөөгүн коюуга жана күмбөздү куруу учуруна байланыштуу түзүлгөн. Бирок бул түрк текстин түзүүнүн же жарыялоонун убагы эмес, анткени жазууда тарыхый баян 716-жылга чейин гана жеткирилип, эң кызык жерине келгенде үзүлүп калган. Күл-Тегиндин көңтөрүшү жана анын аталаш бир туугандарын өлтүрг өндүгү жөнүндө сөз жок, мунун өзү, кыязы кокусунан эмес болуш керек. Ошону менен бирге жазуулардын текс ти 719-жылдан кеч эмес түзүлгөн, анткени 720-жылдагы улуу жеңиштер сүрөттөлгөн эмес, ал түгүл басмалдардын аты жок. Демек, биз 732-жылы ташка түшүрүлгөн текст 716–720-жылдардын ортосунда, тагыраак айтканда 717–718-жылдарда түзүлгөн деген корутунду чыгара алабыз.

…Граждандык согушту жеңиш менен аяктап, уйгур ханы Мойанчур-хан кандай урууларды өз державасына кошуп, кайсыларын чегинен тышкары калтыруу керек деген экинчи бир саясий милдетке туш келди. Чөл талаа шартында жана көчмөн турмушта бул милдет өзгөчө татаал болгон, анткени табигый чектерге, маселен, тоо кыркаларына ээ болуу керек эле, ал эми бул үчүн Саяндан түштүк жакта жана Алтайдан батыш жакта жашаган урууларды өзүнө баш ийдириш керек болучу. Андай болбогондо уйгурлардын көчүп жүргөн жайы өткөн согуш көрсөткөндөй коңшуларынын кол салышы үчүн ачык эле. Мойанчур бул ишке дилгирлүү киришти. 750-жылы жазында ал Кем дайрасынын жанында, башкача айтканда, Енисейдин баш жагында чиктерди талкалады жана алардын баш ийип беришине жетишти. Ошол эле жылдын күзүндө Манжуриянын түштүк-батышында татарларды багындырды. Бирок кийинки кездерде түндүк-батыштагы кандайдыр бир уруулар уйгурларга каршы күрөшүү үчүн кыргыздар жана чиктер менен бириккен. Эң башкы коркунуч карлуктар уруусу кыргыздар менен чиктерди колдоп чыккандыгында болгон, бирок уйгурлардын жолу болуп алар бирге чыгуудан кечигип калган. Мойанчур чиктерге каршы миң адамдан турган жоокерлерин жиберип, көтөрүл үштү тез арада басты. Уйгурлардын аз сандуу аскерлери кыргыздардын алдыңкы отрядынын мизин майтарып, ал эми хандын өзү башкы күчтөрү менен салга отуруп, Кара-Иртыш аркылуу өтүп, карлуктарга сокку урду жана аларды Болчу (Урунгу) дайрасынын боюнда талкалады, бул жерде өз убагында Күлтегин жана Тонёкук түрктөргө сокку урган болучу, бирок согуш ушуну менен бүткөн жок.

Кийинки 752-жылы согуш кайра башталганда уйгурларга каршы союзга басмалдар, түргөштөр жана «үч ыйык» бириккен. Бул өзүнчө кызык, этностук эмес атты бир гана жол менен: ал христиан коому, Троицаны туткандар болгон деп түшүндүрүүгө болот. Дал ошолор 751жылы чиктерди жана кыргыздарды тукуруп, бутбарас ханга ушунчалык айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн деп ойлоого болот.

750-жылы басмалдарга жана карлуктарга каршы айыгышкан согуш улантылды, буларга 650-жылы Алтайда жашырынып калган кандайдыр бир түрктөр кошулуп калган. 755-жылга карата уйгурлар Саурага жана Тарбагатайга чейин карлуктардын чыгыш аймактарын баш ийдиришип, согуш толук жеңиш менен аяктады. Уйгурлардын андан ары батышка жылышына аймагы Төмөнкү Волгага чейин созулуп жаткан печенегдер бөгөт болду.

Кидандардын ыктыярдуу баш ийип бериши уйгур каганатынын чыгыш чек арасын бекемдеди. Түндүк жак гана ачык калган эле. Анткени кыргыздар 758-жылга чейин каршылык көрсөткөн. Талкаланууга дуушар болуп, баш ийип бергенден кийин да кыргыздар өзүн өзү жоготкон эмес. Алардын башчысы уйгур ханынан «Кехань» деген наамды кошпостон «Билге-тонг-эркин» (акылман, улуу жээн) деген наамды алган. Кыязы, мында көз карандылыктын кандайдыр бир формасы болуш керек, бирок общиналардын (огуздардын) эркин мүчөлөрүнөн жана согуш туткундарынан турган коомдо феодалдык мамилелерди издөөгө шылтоо бербөө үчүн түздөн-түз баш ийген көз карандылык деп атоого болбойт.

Батышта жана түндүктө табигый чек араларга жеткенден кийин басып алуулар токтолгон. Уйгурлар өздөрү кошуп алган урууларын «меймандар» деп аташып, түрктөрдү багындырууну өз державасынын экинчи жолу жогорулашы катары да карашкан жана «тактагы хан элди балдары катары башкарып жатат» деп эсептешкен. Уйгурлардын уруулар конфедерациясы тогуз-огуздардын үстөмдүк кылуучу, туурасын айтканда, жетекчилик кылуучу урууларынан турган, буга тең укуктуу деп эсептелген басмалдар жана чыгыш карлуктары, төлөстүн алты уруу су (бугу, хань, байыркы, тонгра, сыге жана киби) баш ийдирилген уруулардан тогуз-огуз уруусу чыккан. Яглагкардын хан тукумунун пайдасына салык алынып турган. Бул уруу союздаш урууларга гана эмес, ал түгүл «салгылашууларда дайыма алдыда болгон» басмалдар менен карлуктарга карата артыкчылык алган абалда турган.

Эң маанилүү маселе – конфедерацияга кирбеген уруулардын уйгурлар менен өз ара мамилеси болгон. Уйгурстандын түндүк чек арасында Кыргыз хандыгы болуп, уйгурларга салыкты суусар менен төлөп турган. Кыргыздар, кыязы, 711-жылы талкалангандан кийин бир канча урууга бөлүнүп кетип, мунун өзү уйгурларга алар менен мамиле түзүүнү жеңилдеткен. Бирок Түштүк Сибирде кыргыздардан тышкары бир канча ири уруу (йедренин жети уруусу, кыязы, саян-алтай уруулары, шорлордун бабалары жана кучугур уруусу – кугижилер – алтайлыктар) жашап, алар уйгурлар менен дайыма согуш абалында болгон.

…Мойанчурдун жортуулдарынын  аркасында Уйгурстан үчүн бөтөнчө ыңгайлуу шарт түзүлгөн: анын айланасында күчтүү душмандары жок эле. Чыгышта кидандар, түндүктө кыргыздар уйгур ханына баш ийдирилген. Батышта 766-жылдан тартып, карлуктар күч алды,бирок алар өздөрүнүн бүткүл көңүлүн түштүк-батышка буруп, табигый чек арасы Тарбагатайдан өткөн жок. Түштүктө талкаланган Кытай жаткан, бирок ага карабастан Кучада, Карашаарда, Хотанда, Кашкарда жана Бэйтинде Кытай гарнизондору турган. Бул чектер уйгурлар менен 755–760-жылдарда Кытайдын түндүк-батыш бурчун басып алган жана эми батыш аймактарды жеңип алууга умтулган тибеттиктердин ортосундагы бөгөт болгон… Кытайлар менен тибеттиктер өчөшкөн душмандар болгон, ошондуктан уйгурлар экөөнүн бирин тандашы керек эле. Уйгурлар Кытайдан көбүрөөк пайда көрүүгө умтулуп, Тибет менен дегеле ымалага барышкан эмес. Манихейчилик менен буддизмдин ортосундагы идеологиялык карама-каршылык өтө зор эле. Манихей үгүтчүлөрүнүн активдүүлүгүнө карабастан Уйгурстан жаңы саясий багытты дароо эле ала албады. Уйгур мамлекетин түзгөн алгачкы хандар Пэйло (744–745), Мойанчур (745–759) жана Идиган (759–780) өз уруусуна таянышып, көк түрктөрдүн кандарына окшошкулары келген. Граждандык согуштун убагында Кытайды талап-тоноп, алар өздөрүн кожоюндар катары сезишкен. Чаньандан өтүп баратканда алар базардан кыздарды ала качып, казынанын аттарын тартып алып турушкан. 762-жылдагы келишим боюнча уйгурлар жашыруун салык алышкан: Уурдап келинген ар бир ат үчүн аларга 40 кез жибек төлөп беришкен.

778-жылы Кытайда уйгур ханына багынуудан баш тартып, ал үчүн кеңешчилерине балак урулган Дэцзун такка отурат. Демек, анын уйгурларды жактырбагандыгы түшүнүктүү. Илиган хан муну билип, жаңы императорду баш ийдирмек болот да 778-жылы Түндүк Кытайга кол салат. Биринчи салгылашууда уйгурлар ийгиликке жетишет. Кытайлар 10 миң адамынан ажырайт. Бирок Шэньсинин акими аларды талкалап, чегинүүгө мажбур кылат. Хан Кытай чыңала баштаганын түшүнүп, чоң казатка даярданат. Өзүнүн күчүнүн артып баратканын эске алып, Дэцзун дагы бир оор милдеттенмеден кутулду. Тогуз-огуздар меймандар катары казынанын эсебинен борбордо жашоо артыкчылыгын алышкан. Мындан алар абдан байыган. 780-жылы Дэц-зун аларды Кытайдан чыгарып жиберген. Чек арада алар Кытай кыздарын куржунга катып алып бараткандыгы байкалган. Кытай аскерлери тогуз-огуздардын тобу курчап алып, кыздарды тинтип таап алышкандан кийин «меймандардын» баарын өлтүрүп салышкан.

Бул убактын ичинде Уйгурстанда өтө маанилүү өзгөрүштөр болуп өткөн. 779-жылы Кытай менен мамилелер курчуп кеткенде алдыда турган согуш жагдайынан бир пикирге келишкен эмес. Тогуз-огуздар согушту каалаган, кыязы, мунун себеби аларга олжонун көбү тийген. Союздаш уруулар согуштан пайда эмес, өлүм коркунучун көрүшкөн. Хан көпчүлүктүн пикирине кошулбаган соң Дунмага-Тархан деген төбөл көтөрүлүш чыгарган. Хан, анын кеңешчилери жана 209 огуз төбөлдөрү кырылып, ал Кат Кутлуг Билге хан деген ат менен такка отурган. Албетте, буга кытай дипломатиясы кийлигишкен, жаңы хан көтөрүлүш үчүн кытай элчисинен акча алган. Тогузогуздардын үстөмдүгүнө нааразылык анык кыргынга айланды, ошондуктан кытайлардын «меймандарды кырышы да кесепетин тийгизбей койгон жок. Жаңы хан тынчтыкка абдан умтулду. «Меймандардын» өлүмү үчүн ал 781-жылы кун алды. 783-жылы төмөндөгүдөй шарттарда тынчтык келишими түзүлдү: 1) Хан Кытайдын вассалы деп аталды; 2) Уйгур элчилиги 200 адамдан ашпоого тийиш; 3) мажбурлап соода кылуу үчүн миңден ашпаган жылкы алып келүүгө уруксат кылынды; 4) Кытайларды чет мамлекетке алып кетүүгө тыюу салынды. Келишим 788-жылы нике жана тибетке каршы союз менен бекемделди. Абал жөнгө салынган өлкөнүн ичинде Дуньмага зулумдук менен акимдик кылган. Мурунку династиянын ханзадаларынын биринчи эки уулу анын буйругу боюнча өлтүрүлгөн. Ал хан өлгөндөн кийин 789-жылы такка анын уулу Долосы отурган, бирок мурас боюнча эмес, аны төбөлдөр такка отургузуп, ага «Айдынлыг улуг Күч-мун-мыш Күчлүг Билге хан» деген наам берилген. Ошентип Уйгурстан шайланма падышалык болуп калган.

…Уйгурстан согушта жеңилгенине караганда өзүнүн баш ийген абалынан көбүрөөк утуш алган. Чындыгында, уйгурлар кытайларга көз каранды болбостон, тескерисинче, кытайлар аларга көбүрөөк көз каранды болгон. Батыш аймактагы ээликтердин Кытайдын борбору менен кат жазышуусу Тибет аскерлерин айланып өтүп, уйгур жергеси аркылуу жүргүзүлгөн. Батышта согуш жүргүзүү үчүн Кытайдын жетиштүү атчан аскери болгон эмес. Абалды уйгурлар гана сактап калышы мүмкүн эле, алар буга даяр да болгон, бирок мунун баары үчүн акы талап кылышкан. Кытай аскерлердин акысын төлөп, акыры уйгурлар тибеттиктерге каршы күрөшкө кирген. Бирок тибеттик дипломатия да күчтүү эле, тибеттиктер өздөрүнө союздаштарды тапты. Уйгурлардын эски атаандаштары болгон батыш карлуктар, ошондой эле Түштүк Жунгарияда көчүп жүргөн жана оор салыктан жапа тарткан шато уруусу тибеттиктер тарабында болду. Уйгурлар баш ийдирген түрктөр, чыгыш карлуктар жана баян уруусу ого бетер катуу эзүүдө эле, булар тибеттиктерди куткаруучулар катары күтүп жатышкан. Эң акырында, Мойанчур хан баш ийдирген, бирок эрки майтарылбаган кыргыздардын арасында Тибетти жактаган пикир өсүп жатты. Уйгур эзүүсүн кулатууга умтулуп, кыргыздар да карлуктар жана арабдар менен достукка умтулган, бирок арабдар алыс, карлуктар алсыз эле. Тибетке таянуу гана уйгур эзүүсүн кулатууга үмүт калтырган. Тибет эмиссарлары карлуктар жергеси аркылуу Енисейге жетишкен. 789-жылдын акырында тибет аскерлери Бишбалыкты (Бэйтин-ди) көздөй бет алып, уйгурларды талкалайт, 791-жылы тибеттердин экинчи бир армиясы Хотанды баш ийдирип алат.

Ушул убакта Жунгариянын ачкычы Бэйтин чеби үчүн айыгышкан согуш кайрадан башталды. 790-жылы талкаланган кытай генералы жана Бэйтиндин акими Ян Си-гу өзүнүн аскерлери менен Чичжоуга (балким, бул Чигу Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тянь-Шань тоолорундагы «Кызыл өрөөн» болушу мүмкүн) качат. Тибеттиктер толук жеңишке ээ болуп, уйгур-кытай аскерлеринин үчтөн экиси салгылашуу майданында калат.

Тибеттиктер активдүү дипломатиялык иш жүргүзүүнүн натыйжасында 758-жылы баш ийип бергенде автономиясын сактап калган кыргыздар уйгурлардын тылында көтөрүлүш чыгарган. Кутлуг кыргыздарды басып, өлкөсүн талкалоого дуушар кылып, натыйжада алардын мамлекеттик иштери токтоду, алардын жергесинде тирүү адам калган жок, кийинкиси кыязы, бир кыйла апыртылган болуш керек. Бирок ага карабастан талкалангандан бүтүндөй 20 жыл бою, башкача айтканда, жаңы муун өсүп чыкканча кыргыздар жөнүндө эчтеке угулбай калган.

…Балким, азыр Минусинск (Миң-Суу) музейинде сакталып турган Тувадагы тактаны орнотуу үчүн ушул окуя негиз болгондур. Андагы жазуунун мазмуну мындай: «Силерден, менин жүз жолдошуман, өз элимдин алты уруусунан, силерден мен кайтыш болдум (өлдүм). Менин баатыр ысмым Ак-Баш-Ат-Ых. Мен жетимиш жаштагы Ынал-Огямын…» Эгер төмөндө сунуш кылынган гипотезаны кабыл алсак, анда эстеликтин мазмуну түшүнүктүү болот. Алты-багбудун, башкача айтканда, алтыбектин эли – бул 780-жылдан кийинки уйгурлар. Ак-Баш-АтЫх, кыязы, жүз жоокерге башчылык кылып, согушта курман болуп, ал эми алты бектин элинин, башкача айтканда, уйгурлардын жеңип чыккан ханы аны эстеликке түбөлүккө калтырган чыгар. Бул жеңишке жетишкенде гана мүмкүн, ал эми IX кылымда кыргыздар уйгурларды жеңген болучу.

…Акыры тибет армиясы уйгур-кытай коалициясын кыйрата албады, бирок тибет дипломатиясы жардам берди: ал эки кас мамлекетти араздаштырып, Тибетке аларга жалгыз-жалгыздан сокку урууга мүмкүнчүлүк берди. Тибеттиктер өзүлөрүн чыгыштан камсыз кылып, уйгурлардын жардамы менен Кытайды жарашууга кол койдуртуп, 816-жылы түндүктө, түз эле уйгурлардын борбору Каракорумга чабуул койду. Ошол эле убакта уйгурлардын тылында кыргыздар жаңы көтөрүлүп чыгып, бул оңдуу болду. Мында да союздаштардын аракеттери макулдашылган болуу керек.

Бул жүрүш күтүлбөгөн кырдаалдын кесепетинен гана толук ийгиликке жетишпей калды. 816-жылы Тибеттин «Атсыз гамбосу» дүйнөдөн кайтып, тибеттердин кол башчысы Шан Шацзянь өзүнө жаккан ханзаданы такка отургузууга катышуу үчүн Тибетке кайтууга аргасыз болду. Бирок уйгурлар мындан пайдалана алышпады, анткени кыргыздарга каршы согуш жүргүзүп жатышкан эле, ал согуш 20 жылга созулган эле.

…Андан ары Тибет-кытай согушун улантуу эч мааниге ээ болбоду. Ошондуктан тибеттиктер Кытайга тынчтыкты сунуш кылды, бул келишим боюнча тибеттиктер жеңип алган аймактарын сактап калды. Кытайда атчан аскерлердин жоктугунан каршы чабуул коюуга эч кандай мүмкүнчүлүк болбоду, натыйжада, бул шарттар кабыл алынып, зор согушта жеңишке Тибет ээ болду. Кербен жолдору колдо бекем кармалып, мурунку Цинь княздыгынын чек арадагы жоочул кытайлары кырып жок кылынды, ал эми Кытайга тереңдеп кирүүнүн эч кандай мааниси жок эле, анткени кытайга каршы күрөшүп жаткан өлкөгө кытай элементтерин киргизүү анын ички кубатын гана бошоңдотмок. Уйгурстан кыргыздар менен согушта колубуту байлануу болгон, кыргыздардын жол башчысы Ажо өзүн хан деп жарыялап, өз жеңиштерине сыймыктанып, уйгурдун ханына мындай деп билдирген: «Сенин тагдырың бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду тартып алып, мамыңа өз атымды байлайм, ордонун алдына өз касабамды тигем. Эгер мени менен таймашкың келсе, анда тезирээк кел, колуңан келбесе тезирээк жогол». Тибет падышасынын экинчи союздашы карлук жабуусу арабдарды артка сүрүп, көчмөн талаага исламдын таркатылышын токтоткон.

…839-жылга чейин Уйгурстанда кыргыздардын көтөрүлүшүнөн (болжолу 815-жылы) жана татар уруул арынын Амурдан Иншанга өтүшүнөн (болжолу 820-жыл) башка эч кандай ири окуялар болгон эмес. IX к. орто ченинде Уйгурстан өтө начарлады. Ак сөөктөрдүн ыдырашы өз кесепетин алып келди. Төбөлдөр бир-бири менен эрегишип, баш ийдирилген уруулар бөлүнө баштады. Татарлар 794-жылы, татабдар 835-жылы бөлүнүп кетти. Бирок Уйгурстан үчүн кыргыздардын көтөрүлүшү өтө коркунучтуу болду. Кыргыз ханы көз каранды эместик жөнүндө көксөп, арабдар, тибеттиктер жана карлуктар менен достук байланыштарды түзүп турган. 818-жыл ченде кыргыз князы Ажо өзүн хан деп жарыялады. Анын энеси түргөш князынын кызы, ал эми аялы тибет кол башчысынын кызы болгон, демек, булар менен да, башкалар менен да туушкандык байланышы болгон. Уйгурлардын ханы Бао-и хандын көтөрү лүштү басууга жасаган аракети ийгилик бербеди. Ажо чет элдик эзүүдөн бошонгонуна ыраазы болбой, душмандын кыңк этпестен багынып беришин талап кылган. Ал эми ушул убакта түштүктө жоокер шатолор өз күчтөрүн топтоп, алар да уйгурларга коркунуч туудуруп жатты. Уйгурлардын мындай өтө оор абалда калгандыгы өздөрүнө байланыштуу болгон. Алар көк түрктөргө карап өз эркиндиктери үчүн зор жигердүүлүк менен күрөшкөн, бирок алган эркиндигин пайдалана алышпады. Алардын эркиндикти сүйүшү диалектикалык жактан өнүгүп отуруп, ар кандай уюмдашуу негизинен баш тартууга айланды. Алар кандайдыр бир өлчөмдө хандын бийлигин чектегиси келген, натыйжада бул бийлик маанисин жоготкон. Ал түгүл түздөн-түз коркунучтун алдында уйгурлардын баш кошууга толук жөндөмс үздүгү ушундан келип чыккан. Түндүктөгү жана түштүк төгү душмандарга сокку берүүнүн ордуна уйгур төбөлдө рүнүн арасында кыргыздарга жана шатолорго жан тартуу келип чыккан.

832-жылы Каракорумдагы алтын такка Кут тегин отуруп, ал Адылык улуг Минмиш Кулуг Билге Чжан Синь-хан деген наам алган. Мурункулардан мурас боюнча ханышалык кытай падышасынын кызын жана чечилбеген көп маселелерди алган. 839-жылы Кулуг-бег деген төбөл өзүнө жардамга келген шатого таянып, Каракорумга кол салат. Хан өзүн өзү өлтүрүп, көтөрүлүшкө жан тарткан төбөлдөр жаш Кэси тегинди хан көтөрүшөт. Ошол жылы кыш катуу болуп, көп сандаган мал жуттан кырылат. Ачарчылык менен катар жугуштуу оору таркап, 840-жылдын жазына карата уйгурлар ачкалыктан, жугуштуу оорудан жана көңтөрүштөрдөн келип чыккан дүрбөлөңдөрдөн начарлаган. Кулуг-бегдин душманы – уруу аксакалы Кулут-бег кыргыздарды жардамга чакырып Каракорумда калат. Хан жана Кулут-бег өлтүрүлүп, алардын тарапкерлеринин боз үйлөрү өрттөлөт. Уйгурлар дүрбөлөңгө түшүп, туш-тарапка качышкан. Алардын бир бөлүгү түштүккө ооп, тибеттиктерге баш ийген. Пан Торэ деген ак сөөк 15 аймакты Жунгарияга алып кетип, карлуктарга баш ийип берген. Ал эми хан аймагынын 13 уруусу (кыязы, толукталган тогуз-огуздардын тукуму болуш керек) 841жылы мартта Угэтегинди хан көтөрүшүп, кыргыздарга каршы күрөштү улантмак болушат. Бирок бүткүл Халка, Каракорум, ошондой эле уйгурлардын бүткүл казынасы душмандардын колунда болгон. Ошентип жаратылышынан жоочулук жана согуштук деми уйгурларды андан ары каршылык көрсөтүүгө түрткөн.

Каракорумда кыргыздарга колго түшүргөн олжонун ичинде үч уйгур ханынын аялы кытай ханышасы болгон. Кытай менен мамилени бузууну каалабай, кыргыздар канышаны жоокерлердин жана жан-жөкөрлөрдүн коштоосу менен үйүнө узатышкан. Угэтегин бул кербенге кол салып, коштоп бараткан кыргыздарды кырып, ханышаны бошотуп алып, ага үйлөнөт. Бирок Халкада бекемделип калуудан үмүтүн үзүп, Угэ Гоби тарапка өтүп, зор ачка жана ыркы кеткен ордонун башында Хуанхэнин жээгине келет. Өзүнүн букараларын тоюттандырууга каражаты болбогон соң, Угэ Шансэге кол салууга (841-жылы) аларга уруксат берет. Бул уйгурлардын тагдырын чечти – Кытай өкмөтү аларга колдоо көрсөтүүдөн баш тартып, аларга каршы армиясын чогултту. 842-жылы уйгурлар талкаланып, Ордостун түндүк-чыгыш булуңунан Манчжурияга сүрүлдү. Ушул убакка чейин уйгур ханына баш ийип келген кидандар көрүнгөндү талап-тоноп жүргөн топтон ачка качкындарды көргөн соң көтөрүлүш чыгарып, Кытайга карап калды. 843-жылдын башында уйгурлар кайрадан талкаланып, жарадар болгон Угэ өзүнүн тарапкерлери менен бирге «кара араба» уруусуна качып келген, бирок алар уйгурларды кармап берет. Угэ өлтүрүлүп, анын букараларынын көбү таркап кетет.

Кыргыз ханы акыркы уйгурлар татарларда жашырынып жүргөнүн билип, он миң аскер менен Манчжурияга келип качкындарды кармап алат. Аман качып кутулгандары токойлорго жана тоолорго жашырынып, талап-тоноо менен оокат өткөрүп, Батышка Пан төрөгө эптеп жетишет. Уйгурлар талкалангандан кийин Кытай менен кыргыздардын мамилеси бузулуп кеткен, анткени кытайлар кыргыз хандыгынын күчөшүнө көмөк көрсөтүүдөн баш тартышкан. Бирок согуш келип чыккан жок. Кыргыздар өздөрүнүн уйгурларды жеңип чыгышын мүрзөдөгү эки сап жазуу менен белгилешкен, ал «Енисей эстелиги» деген ат менен белгилүү. «Менин элим, менин айымым, уулдарым, менин журтум, силердин баарыңар менен 60 жашында кош айтыштым. Менин ысмым – Эл-Туган-Тутуг. Мен кудай колдогон элдин элчиси элем. Алты уруу элге бек элем».

«Алты бек эл» же «Алты уруу эл» – бул 780-жылдан кийинки уйгурлар. Алардын беги жана «элчиси» ЭлТутан-Тутуг болгон. «Алчи» деген сөз дегинкиси «элчи» дегенди түшүндүрөт. Бирок ал бул жерде, кыязы, «уполномоченный» деген мааниде колдонулса керек. Ошондуктан мындай түшүнүктө бир эле элге карата бир эле убакта башчы жана элчи болгондугуна каршы келбейт. Ал ханга эмес, ханышага кайрылып жатат. Бул датаны тактоо үчүн маанилүү: Ажо 847-жылы өлгөн, демек, Эл-Туган-Тутуг андан көп жашап, хандын мурасчысына кайрылып жатат. Мына ошентип биз Халхада калган уйгурлар кандай абалга туш келгенин билебиз. Алар жеңилген эл катары кыргыз элинин (мамлекетинин) ичине кирген, анткени мына ушундайларды башкаруу үчүн гана Тутуг деген наамы бар төрөлөр дайындалган. Уйгурлардын мамлекети «кудай колдогон эл» деп аталганы маанилүү, кыргыз жазуусу жогоруда баяндалган уйгур хандыгынын тео кратиялык мүнөзүн белгилейт…

Которгон Дардайыл СУЛАЙМАНКУЛОВ

Ю. ХУДЯКОВ

ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН ТАРЫХЫ,  «КЫРГЫЗ» ЭТНОНИМИ ЖӨНҮНДӨ

Түштүк Сибирдин жана Борбордук Азиянын орто кылымдардагы тарыхына, археологиясына арналган ата йын адабияттар менен таанышкан учурда биринчи эле болуп Минусин ойдуңундагы талаалуу аймактарда жашап өткөн калктын аты ар башкача аталып жүргөнү көзгө урунат. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү аны жазма даректерге ылайык «кыргыздар» деп айтышса, айрым бир авторлор жалпы кабыл алынган бул пикирге каршы чыгып, анын ордуна кайдагы бир «байыркы хакастар» же «орто кылымдагы хакастар» дегенди алуу керек деп таңуулашат, анткени алардын ою боюнча, кыргыздар «байыркы хакас тардын» бар болгону бир гана салаасын, атап айтканда, «династиялык ак сөөктөр тукумун» түзгөн имиш. Акырында аталган ушул эки терминди түгөйлөштүрүп, бир уңгуга бириктирип «кыргыздар (хакастар)», «кыргыз-хакас» ж. б. ушул сыяктантып көрсөткөн эмгектер да бар.

Мындай ар түрдүү аныктамалардын мааниси эмнеде жана алар кайдан жүрүп пайда болгон?

Кайсы гана терминди же этнонимди албайлы, анын чын-төгүнү барып келип эле этникалык ошол ысымды алып жүргөн элдин тилинде катталып, сакталып калган эн белгисине, а болбосо ал кайсы тилде айтылып, жазылып жүрсө, алардын үндөштүгүнө жана окшоштугуна карап тастыктала турганы белгилүү. «Кыргыз» этнонимине карата алганда ушул эки эреже тең эбеп боло алышат. Анткени «кыргыз», «кыргыздар», «кыргыздык» ж.б.у.с. сөздөр, биринчиден, азыркы кыргыздардын өздөрүнө, экинчиден, тили жагынан аларга жакын турган түрктөр менен уйгурларга тиешелүү делинип жүргөн руникалык көрүстөн жазууларындагы тексттерде кездешет. Мындан тышкары «кыргыз» деген термин башка тилдерде жазылган тексттерде да ар түрдүү вариантта, мисалы, грекче – херкис, араб жана фарс тилдеринде – кыркыз, хырхыр болуп жолугат. Ал эми кытай тексттериндеги анын жазылышы булардан бир кыйла айырмалуу. Анын бизге жеткен, колдо бар бардык варианттарынан негизгиси делинип төмөнкүлөр эсептелет: хань тексттери үчүн – цзянь-гунь, тан тексттери үчүн – сяцзясы, юань тексттери үчүн – цзилицзисы.

Мына ошентип «кыргыз» деген терминдин түпкү уңгусу анык экени биротоло такталып бүткөн деп эсептөөгө болот, анткени аны Европанын батышынан тартып, Азиянын чыгышына чейинки бардык өлкөлөр менен элдердин өкүлдөрү бир гана этносту атап белгилеш үчүн колдонуп келишкен, демек, бул термин ошол этностун энчилүү аты болгон, анткени ал кыргыздардын өздөрүнө таандык делинген тексттерде учурайт. Ал эми анын түпкү уңгусунун аныктыгынан күмөнсүнө турган жагдайлар жазма даректерде дегеле жок.

Андай болсо «хакастар» деген термин кайдан алынган жана эмне үчүн аны айрым авторлор, кыргыз мамлекетиндеги «көпчүлүк эмгекчил калктын энчилүү аты» катары сунуш кылышат? Жазма даректерде ал «көпчүлүк» таптакыр башка термин менен «кыштымдар» деген жалпы ат менен айтылат эмеспи?!

XVIII кылымдан тартып, Европанын илимине орто кылымдардагы кытай жылнаамалары белгилүү боло баштайт жана алардын мазмуну Ортолук Азиядагы көчмөн элдер жөнүндөгү тарыхый чыгармалардын негизин түзгөн. Дал ушул мезгилдерде ошол көчмөндөрдүн атын белгилеген кытай терминдери илимий лексикага кеңири кире баштаган. Алардын айрымдарынан кийин деле Азия элдеринин тилинен ынанымдуу далилдер табылбагандыктан, ушул күнгө чейин баштапкы маанисинде айтылып, илимий адабияттарда кеңири колдонулуп келатат, мисалы, динлиндер юэчжи, сянь-би, жуань-жуан, теле, сейяньто, яньмо, шивей, мохэ ж. б. Алардын катарына хягасы (сяцзясы) термини да кирет. Тан сулелеси тушундагы жылнаамалар менен жазма маалыматтарда Кянь (Енисей) дарыясындагы өрөөндө жашаган калк ушундайча аталат. Р. Л. Кызласовдун ашыкча оптимизмине карабастан бул терминдин колдонулушу XVIII–XX кылымдардын башталышындагы авторлордо айтылышы жана жазылышы жагынан бирдей мааниде болгон эмес. Ошондуктан «хакас» деген терминдин жаралышына ошолор себепчи болгон деп, иштин баарын аларга жүктөй салуу үчүн кенедей да негиз жок. Алсак, Ю. Клапрот «На-Kiа-sze», В. Шотт «На-Ка-szе», Н. Бичурун – «хагас», В. Радлов хакасс ж. б. деп жазган. Дегиси цзянь-гунь, хягас, цзилицзисы жана кыргыздар деп аталган терминдер түпкүлүгүндө бир этностун атын билдиреби же ар бири ар башка этносту түшүндүрөбү? Бул маселе В. Шоттун маалында эле, Енисей кыргыздарынын тарыхы боюнча ал атайылап биринчи жолу эмгек жазган учурда эле келип чыккан болчу, ошондо эле ал биротоло жана туура негизде «чыныгы кыргыздардын» пайдасына чечилген. Көрүнүп тургандай, хягастарды кыргыздар деп эсептеген көз караштар жазма даректердин негизинде алардын тарыхын изилдеп-иликтөө иштери жаңыдан гана колго алына баштаган кезде эле түптөлүп түзүлгөн экен.

Сибирь археологиясында бир учурларда «хагас» тер мини колдонулган, аны Н. Бичурин киргизген. Бул көрүстөндөрдүн, байыркы кенттердин ордун казган учур да табылган далилдерди тарыхый маалыматтар ме нен салыштырып изилдөө боюнча алгачкы аракеттер жаса лып жаткан маалда болгон. Бара-бара ал орус тилинде айтылышы жагынан бир кыйла жатыгыраак түргө келип, «хакасс» болуп өзгөргөн. Бул терминди «хагас» формасында, мисалы, Д. Клеменц, И. П. Кузнецов-Красноярский ж. б. пайдаланышкан. Кийин ал окумуштуулар менен публицисттердин, анын ичинде XX кылымдын биринчи он жылдыктарында «теги бөлүктөрдү» ажыратып бөлүүнү жактап күрөшүшкөн Сибирь областчыларынын арасына тараган. Айтор, «хакас» терминин «туземдик интеллигенция» өздөрүнүн «энчилүү аты» катары бир болсо дал ушул областчыл публицисттерден алышы мүм күн эле. Натыйжада, 20-жылдары бул термин Красноярск крайынын түштүгүндө, РСФСРдин составында турган азыркы Хакас автономиялуу республикасындагы жергиликтүү калктын атын билдирген этноним катары айтыла баштаган.

Аңгыча түрк тилиндеги руникалык жазмалардын түп нускадагы тексттери табылып, чечмеленип жана которулуп, алардын кыргыздардын өздөрүнө, ошондой эле өткөн тарыхый доорлордо алар менен такай жоолашып келген түрктөргө жана уйгурларга таандык экени талашсыз далилдер менен тастыкталып калат. Руникалык ал жазмалар Енисейде «хакастар» жашаган имиш деген доор лордо жалгыз гана кыргыздар жайын кабар кылат. Мунун өзү, албетте, «хягас» деген терминди «кыргыз» этнониминин кытайча жазылган бир түрү деп эсептөөгө негиз берген. Бирок бул маанилүү тыянак руникалык тексттердин В.Радлов ишке ашырган немец тилиндеги котормосундай эле академиялык илимдин гана «кампасында» калган. Андыктан, Н.Н. Козьмин ырастагандай, «хягас» деген ат минусин интеллигенциясы үчүн «белгилүү өлчөмдө түшүнүктүүдөй көрүнүшү жана улуттук-маданий жактан кайра жаралуунун, идеялык урааны болушу мүмкүн эле». Айткандай эле Сибирдин түштүгүндө улуттук-мамлекеттик курулуш иштери башталган чакта кытайча «хягас» деген сөздүн мааниси түрк тилиндеги «кыргыз» дегенге төп келерин, ошол себептүү «хакас» термини өз алдынча маанини туюнта албай тургандыгын буга чейин эле илимпоз-изилдөөчүлөр кандыра далилдеп коюшкандыгына карабастан, бул термин реалдуу жаңы мазмунга өтүп, Минусин ойдуңундагы жергиликтүү калк тын энчилүү аты болуп калды. «Хакас» терминин «түшүнүктүү жана идеялык ураан боло алат деп жактаган Н. Н. Козьмин анын маанисин «Кыргыз» этнониминен ажыратып, өзүнчө бөлүп аныктоого аракет жасады да, ал түбү барып тубалыктар (уйгурлар) жана кыргыздар менен бирге орто кылымдагы Енисейдин үч тайпалуу калкынын бирин түзгөн «каракастардын» атынан келип чыгышы мүмкүн деген божомолун айтты.

Бирок анын көз карашында өтө эле көп карама-каршылыктар бар. Мисалы, өзүнүн китебине жазган кириш сөзүндө «хакас» жана «кыргыз» терминдеринин айырмасы жөнүндө айтып келип, ал бир нече барактан соң аларды кайра бир уңгуга бириктирет: «хакастар кийинчерээк кытай жылнаамаларында ки-ли-кидзе (б. а., кыргыз) деген ат менен белгилүү болушкан. Аска бетинде сакталып калган жазууларда алар өздөрүн «кыргыз» деп аташат. Хакас-кыргыз мамлекетинен башка да меркиттердин, наймандардын жана кераиттердин андан майдараак мамлекеттери болушу ыктымал».

«Хакас» термини жасалма сөз экендигине карабастан аны урук-урку жагынан ар башка этникалык топтордон куралып, XIX кылымдын этегинде – XX кылымдын башталышында гана бир журт болуп биригип, улут аталган азыркы реалдуу элдин эзелтен келаткан энчилүү аты катары таңуулаган аракеттерге ошол кезде кыргыздардын тарыхы боюнча Ата Мекендик илимдин тажрыйбасында биринчи жолу очерктердин жыйнагын түзүп, борбордук Азиянын тарых-таржымалын мыкты билген, билерман адис атагып турган В.В. Бартольд да адилеттүү түрдө каршы чыккан.

Мына ушундан кийин кыргыздардын тарыхы жана археологиясы жагында иштеген, өзгөчө Сибирдин түшт үгүндө казуу иштерин жүргүзгөн адистерди өздөрү изилдеп жаткан эстеликтер түпкүлүгүндө барып хакас деп аталган азыркы жергиликтүү калктын ата-бабаларыныкы болуп калышы ажеп эмес деген ой кылчактатып, муну эске албай коюуга аларды аргасыз кылган. Аталган маселенин чечилишин татаалдантып чаташтырган жаңы фактор мына ушинтип пайда болгон. Минусин ойдуңунда орто кылымдарда жашаган калкты жазма даректер «хакастар» деп атагандан улам эмес, тескерисинче, алардан азыркы хакастардын урук-уркун көргүсү келгенден улам ушинтип атай башташкан. Бул өзгөчө «кыргыздар» («хакастар»), «кыргыз-хакас» ж. б. у. с. түгөйлөш аныктамалардан таасын көрүндү. Мисалы, Енисейде 20–40-жылдары изилдөө иштерин жүргүзгөн адистер ушинтип жазышкан. Атап айтканда, Минусиндеги металл доорунун маданиятын мезгилдештирип, санжаптап бөлүп чыккан С. А. Теплуховдун мындай деген ырастоосу бар: «Биздин доордун VII–X кылымдарындагы (Тан-шу) окуялардын жөн-жа йын баян кылган бир топ кийинки жылнаамаларда бул мезгилге чейин түрк тилинде сүйлөгөн кыргыздар (хягас) «Енисейдин түштүк алабындагы бүткүл аймакты каратып алып жана ал жерде үстөмдүк абалды ээлеп турган динлиндер менен аралашып кеткендигин даана көрсөткөн кабарлар бар». Л.А. Евтюхова менен С.В. Ки селев да өздөрүнүн эмгектеринин биринде «хакас» деген сөз кыргыз деген терминдин кытайча жазылышы деп айтышат да, бирок көп учурда өйдөкүдөй түгөйлүү аныктаманы пайдаланышат. Ал эми В. П. Левашованын эмгектеринде болсо «кыргыз-хакас», а кээде жөн гана «хакастар» деп алышат.

Бул жерде мына муну белгилеп көрсөтүү керек: эмгектерин борбордук басмалардан жарыкка чыгарышкан авторлордун баарында Минусиндеги байыркы калктын аты-жөнү катары «кыргыз» деген термин алынса, ал эми Абаканда басылып, «хакас» окурмандарына багышталган популярдуу майда китепчелерде «хакас» термини колдонулат. Мында кандайдыр бир өзгөчөлүү «позиция» деле жаткан жок, болгону ал жергиликтүү шарттын бөтөнчөлүктөрүн эске алгандыкты гана билдирет, башкача айтканда, Тянь-Шанда иштеп, Түштүк Сибирдин маселелерине кайрылган кезде А. Н. Бернштам бардык жерде жалаң гана «кыргыз» же «кыркыз» деп жазгандай эле кеп.

Бир-бирине эбак көнүмүш эквивалент болуп калган «кыргыз» жана «хакас» терминдеринин ажытын тактоого байланышкан маселеге кайрылып, 50-жылдардын башында түрколог С. Е. Малов менен синолог Н. В. Кюнер бир катар ой-пикирлерди айтып чыгышты.

С.Е. Маловдун көз карашы боюнча кыргыздар уйгурлар менен теңтайлашкан күчтүү Енисей мамлекетин түзгөн. Тофалар (карагастар) менен тувалыктар (урянхайлар, сойёндор) кыргыздар тарапта турган деп ойлоого болот». Бирок «хакас» термининин мааниси С. Е. Малов го түшүнүксүз бойдон калган: «ал «кыргыз» деген сөздүн кытайча жасалган түрүбү же мен божомол кылгандай көбүнчө «карагас» дегенге жакындашабы? Анткени хакас – карагас деп кытайлар ар кошкон элди кол алдында кармап турган кыргыз мамлекетин айтышы толук ыктымал эмеспи».

Н. В. Кюнер болсо кытайлар «хягас» сөзүн уйгур тилинен алгандыгын кабар кылган кытай жылнаамаларындагы даректерге таянып, бирок анын кытайча жазылган түрү боло албайт, уйгур тилинен алынгандыгына караганда анын ылакап ысымы сыяктанган өзгөчө мааниси бар болсо керек деп божомолдойт. Мына ушул жүйөгө негизденип ал: «Азырынча хягас деген сөздүн чыныгы мааниси жана келип чыккан түпкү уңгусу жөнүндөгү маселени өз жайына калтыра туруп, кыргыз (гянь-гунь ж. б. у. с. анын бардык жазылыш формалары менен кошо) жана хакас (хягас) деген аталыштардын бир эле элдин аты-жөнүн билдирген окшоштугун тарыхый факты катары кабыл алууну туура» – деп эсептейт.

Көрүнүп тургандай, аталган авторлор Тан доорундагы Ортоңку Енисейдин калкына карата «кыргыз» деген этнонимди колдонуунун тууралыгына шектенген эмес. С. Е. Малов «хакас» термини кыргыздардын букаралыгында турган кыштындардын кайсы бир жамаатынын аты-жөнүнө, анын божомолу боюнча «каргастарга» (б. а., тофаларга – Ю. X.) барып такалышы мүмкүн деп эсептеп, бул жагынан Н. Н. Козьминдин айткандарына кошулган. Анын үстүнө муну С. Е. Малов кеңири өнүктүрүп, өзүнчө илимий жобого айлантпастан, тек гана божомол катары, Енисейдеги руникалык жазуулардын тексттери жарыяланган китептеги кириш сөздө кеп арасына кыстарып айта кеткен. Н. В. Кюнердин эмгегинде да «хакас» термини этноним катары өз алдынча мааниге ээ дегендей дегеле эч нерсе айтылган эмес. Ал «хакас» терминин «кыргыз» этнонимине эквивалент деп эсептеген, анын пикири боюнча бул сөз уйгур тили аркылуу кытай тилине өтүп, «саргыч кызыл жүздүүлөр» деген маанидеги ылакап ысымды туюнтат.

Кийинчерээк Н. В. Кюнер өзүнүн көз карашын азыраак өзгөрткөн. Г. Е. Грумм-Гржимайло менен талашка чыгып, ал: «Хакастар менен кыргыздар XIII кылымдагы монгол доорунда бир эле элдин ар башка тайпасын билдире алмак» – деп учкай эскертип өткөн.

«Хакас» терминине байланыштуу бир катар ой-пикирлер Л. П. Потаповдо да бар. Аталган терминдин XX кылымдын башталышында этноним катары пайда болушу жөнүндө айтып, ал мындай деп жазган: «Кечиндердин күчтүү таасири астында болуп өткөн биримдешүүнүн жалпы процесси XIX кылымдын этегинде жана ХХ кылымдын башталышында Минусин ойдуңундагы аймакта орус тар Синусин же абакан татарлары деп атаган чакан элдин түзүлүшүнө алып келди. Алар Хакас болуп Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин гана атала баштады. «Хакас» деген атты 20-жылдардын башында «минусиндик татарлар» улут болуп түзүлүп жатканда жергиликтүү интеллигенциянын өкүлдөрү сунуш кылышкан. Алар азыркы Минусин же Абакан татарлары кытай жылнаамаларында «хягас» деген ат менен катталып калган Саян-Алтай бөксө тоосундагы байыркы калктын тукумдары болот деген туура эмес түшүнүккө таянышкан. «Хакас» деген ат тарыхый жактан аныкталган жана сыпатталган наам боло албай тургандыгына карабастан, азыр ага каршы чыгуунун кажаты жок, анткени ал акырындап отуруп калктын аң-сезимине сиңип, кабыл алынып кетти».

Кийинчерээк Н. В. Кюнердин сын-кеңештерин эске алып, анын таасири менен Л П. Потапов «азыркы учурда «хягас» менен «кыргыз» сөздөрүн бир уңгуга жалгаштыруу мүмкүн эместигин, этникалык жактан алар татаал кошунду экендигин, «хагастын» составында самодий элементи артыкчылык кыларын көрсөткөн маалыматтар улам барган сайын көп топтолуп жатат» дегендей ойго көбүрөөк ык коё баштаган. Аталган маселени териштирип чыгуу үчүн автор В. И. Казандын котормосундагы ЮаньШинин кабарларын далилге тартып, анда кыргыздар «Хасха жеринде» жайгашкан деп айтылган маалыматты эскертет. Анын пикири боюнча, «хасха жери» самодийкачиндер мекендеп турган азыркы Красноярскинин чөлкөмүнө туура келет.

50-жылдары бир катар изилдөөчүлөрдүн «хягас» жана «кыргыз» деген терминдердин окшоштугунан күмөн санап, олку-солку болушуна Юань доорундагы кытай тексттеринин айрым үзүндүлөрүн, атап айтканда, «хэ-сыхэ» жана «ханас» терминдерин чечмелеп түшүндүрүүдөгү кыйынчылыктар себепчи болгон. Акыркы эки сөздү азыркы кездеги «хакас» деген сөз менен түгөйлөштүрүүнүн натыйжасында XIII кылымдагы окуяларды так аныктап, туура баалоодо белгилүү чаташууларга жол берилип, мунун баары хягас жана кыргыз деген терминдерди бир-бирине далилсиз түрдө карама-каршы коюуга алып келген. Буга кыязы азыркы кыргыздардын этникалык тек-жаатына иликтөө жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасы, атап айтканда, енисейлик жана тянь-шандык кыргыздардын түпкү урук-урку бир деген көз караштын тууралыгынан күмөн санаткан тыянактар да таасирин тийгизди окшойт. Баарыдан да аталган маселе боюнча өзгөчөлүү көз карашын тааңуулап, анысын ар кайсы макалаларында дембе-дем кайталай берген Л. Р. Кызласовдун өжөрлүгү чоң огожо болду. Ал өзүнүн позициясын биринчи ирет 1954-жылы Л. П. Потаповдун алтайлыктардын тарыхына арналган китебине жазган рецензиясында айтып чыкты. Ага ылайык, «хакас» деген сөз орто кылым доорунда Ортоңку Енисейде жашап турган ар кошкон элдин жалпы аты болуп саналат да, ал эми «кыргыз» деген термин ошол байыркы хакастардын «башкаруучу», «династиялык ак сөөктөр жамаатын» гана билдирет.

Бул көз карашын өнүктүрүп, бекемдеш үчүн Л. Р. Кызласов ага 1959–1960-жылдардагы эмгектеринде эчен курдай кайрылып өтөт. Акырында, 1968-жылы жарыяланып, кийинки жылы эки ирет кайра басылган макаласында ал аталган концепциясын бир кыйла толук жана кеңейтилген түрдө жазып чыкты. Анын негизги жоболору мына буларга такалат: орто кылымдардагы кытай жылнаамаларында «хакас» деген сөздүн ар түрдүүчө жазылган варианттары жолугат, бул сөз Ортоңку Енисейдеги көп тилдүү жана көп тектүү калктын жалпы аты болуп саналат; ага катарлаш ошол эле жазма даректерде «кыргыз» деген сөз да кездешет, бирок ал байыркы хакастардын династиялык ак сөөктөр жамаатын гана билдирет; «кыргыз» деген термин Енисейдин бүткүл калкынын жалпы аты боло алмак эмес, анткени анын составына тили бир-бирине окшобогон этникалык ар түрдүү тайпалар жана уруулар (угор, самодий жана түркөй) кирген; бул мамлекетте кыргыздар үстөмдүүлүк ээлеп турган, дал ушул себептен улам орхон түрктөрү тугюлар, уйгурлар, ошондой эле батыштын жазма даректери ал уруулардын баарын жаңылыш түрдө кыргыздар деп атаган; Синь-Таншуда Ортоңку Енисейдин калкына тиешелүү деп көрсөтүлгөн сөздөрдүн составы бул жерде чынында эле көп тилдүү эл жашаганын ырастайт; орто кылымдагы «хакас» деген сөз түпкүлүгүндө самодий тилине барып такалат; биздин заманда ал «хаос» формасында келип жетти; бул сөз тофалардын (хааш), тувалыктардын жана монгол дархаттардын (хаасут) уруулары менен тайпаларынын аттарында сакталып калган; VI–XII кылымдардагы мамлекеттин жана элдин аты катары «хакас» деген сөздүн пайда болушу бул мамлекеттеги калктын арасында жергиликтүү уруулардын түрк тилдүү жаңы уюткусу түзүлгөндүгүн (ага кыргыздар да кирген) далилдейт; мунун өзү «жалпы экономикалык базасы жана бирдиктүү адабий тили – Енисей жазуусу бар борборлошкон күчтүү мамлекеттин түзүлүшүн шарттаган; «байыркы хакастардын» – «кыргыз» деп аталган уруусу гунндардын хуань, түрктөрдүн ашина, уйгурлардын яглакар, кидандардын елюй сыяктанган башкаруучу урууларындай нерсе; Енисейдеги руникалык жазууларда «кыргыз» деген сөз жолукпайт, демек, анын ордуна «эль» деген сөз колдонулган; «кыргыз» деген термин байыркы хакас мамлекетинин чектеринен тышкары жерлердеги жазууларда гана айтылат ж.б.д.у.с. Автордун мына ушул пикирине ар кайсы жактарынан, анын ою боюнча, Ю.Кла прот, В.Шотт, Н.В.Кюнер, С.Е.Малов, С.В. Киселев, Н.Н.Козьм ин сыяктуу «XIX жана XX кылымдын көп илимпоздору» ортоктош боло алат. Акырында Л.Р.Кызласов мындай деген кескин бүтүм чыгарат: «Хакас жана кыргыз деген терминдерди өз ара чаташтыруу жана окшоштуруу, болбосо аларды бирибири менен алмаштыруу – илимий жосун эмес. Ошондой эле мамлекеттин атын жазма даректерде катталган анын көпчүлүктү түзгөн эмгекчил калкынын энчилүү аты менен эмес, башкаруучу ак сөөктөр уруусунун аты менен атаган да туура эмес.

Бул мамлекетти VI–XII кылымдарда байыркы хакастар түзгөн жана ошолор жердеп турган, андыктан тарыхый чындык бизди аны байыркы хакас мамлекети деп атоого милдеттендирет.

Кийин бул тыянактардын баары адистердин, атап айтканда, тарыхчылардын, лингивисттердин, чыгышпоз дордун бир катар каяша пикирлерин пайда кылганда Л. Р. Кызласов актануу иретинде мындай деп жазган: «мен бар болгону советтик тарых илиминде «кыргыз» жана «хакас» деген терминдердин тегерегиндеги маселе алиге чейин бир жаңсыл болуп башы ачыла элек маселе экендигин көрсөтүп, ага кеңири профилдеги адистердин, баарыдан мурда этникалык, тарыхты изилдегендердин көңүлүн бурмакка 1964-жылы «VII–XII кылымдардын жазма даректериндеги «хакас» жана «кыргыз» деген терминдердин өз ара байланышы жөнүндө» аттуу атайын макала жазган элем, бирок ал бир катар себептерден улам 1968-жылы гана жарыкка чыкты.

«Аталган терминдердин өз ара байланышын аныкташ үчүн илимде дайын болгон бардык маалыматтарды кыл чыпкадан өткөрүп, алардын колдонуу чектери жөнүндө айтуу керек эле. Тарыхчыга ыраба болгондой, тектеш илимдердин бардык белгилүү маалыматтарын жалпылап, автор өзүнүн эмгектеринде мына ушул ишти жасоого аракеттенди».

«Арийне, мына ушулардан соң аталган маселе ишкердүү талкуунун, үзүрлүү илимий талаштын таразасына коюлат деп күтүшкө болот эле. Андай талкуу буюрса башталат деп эсептөөгө жүйөлөр бар жана анда баарыдан мурда социолог адистердин изилдөөлөрү зарыл болот».

Бирок автордун актанган сөздөрүнө ишенүү кыйын, ал булардын баарын аталган маселеге адистердин «көңүлүн буруп», «талкууга тамызгы» болгусу келгенден улам гана айтып отурган жок. Макаланын насаатчыл дымагы, кеп жебеген кескин бүтүмдөрү, ал турсун анын аз эле мезгилдин ичинде үч ирет кайра басылып чыкканы иштин төркүнү таптакыр башка жакта жатканын айтып турат. Авторду кейпи аталган терминдер боюнча «Эки ачакей» пикирлердин айтылып жүргөнү ал кезде анчейин алымсындырбай калган болуу керек жана ушундан пайдаланып ал өзүнүн «өзгөчөлүү» көз карашын акыркы инст анциядагы акыйкат катары сунуш кылууну көздөгөн шекилди. Башкача айтканда, өзүнүн макаласы менен «талкууга тамызгы» таштоону эмес, тескерисинче, аны «хакас» деген терминдин пайдасына чечип, маселени биротоло жаап салууну, ошентип «кыргыз» деген терминдин этноним катары тарыхтан таптакыр өчүрүлүшүнө жетишүүнү көздөгөн окшойт. Муну «байыркы хакастардын мамлекетин» кыргыздардын мамлекети деп атап, «тилекке каршы, анда калктын басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзбөгөн көз жаздымында калтырып жүрүшкөн «азыркы айрым тарыхчыларга» багыштап айткан акыл-насаат сөздөрү, анан да казанчыдай каалаган жагынан кулак чыгарып, өзүнүн жогоруда келтирилген жоромолдоруна мурдагы аттуу-баштуу илимпоздордун жоон тобун «тарапкер» кылып алганы айкын көрсөтүп турат. Түздөн-түз макаланын өзүнө келчү болсок, анын тыянактары автордун кандай максатты мурат кылып алганын андан бетер бышыктап бере алат; андагы бүтүмдөрдүн аңытын аңдасак, анда «кыргыз» жана «хакас» деген терминдерди бири-бири менен чаташтырып жүргөн изилдөөчүлөр, «илимий усулдан» чыгып кеткендер, ал эми Энесайдын ошол эзелки мамлекетин «кыргыздардын мамлекети» деп атагандар болсо «туура эмес иш кылгандар» болуп саналат. Андыктан, макаланын маанисинен саамыктап тургандай, «айрым илимпоздор» «кыргыз» деген терминди тарыхтын аңгегине ыргытып салыш керек да, Енисейдин калкын «байыркы хакастар» деп аташы зарыл, мына ошондо гана алар «туура» жана «илимий» жолго түшүшөт экен.

Арийне, мындай сөздөрдү бейжооп калтыруу натуура болор эле. Айткандай эле «үзүрлүү илимий талкуунун» оту тутанып, болгондо да социолог адистер анын бүйүрүн бир топ кызытышты. Бирок анын жалпы аңыты жана негизги натыйжалары Л.Р. Кызласов күткөндөй болгон жок, тескерисинче, ага таптакыр төп келбеген корутундуларга алып келди, атап айтканда, Л.Р. Кызласовдун жоболорун курч сынга алып, чыгышпоз, арабчы Ө. Караев талкууда биринчи болуп топ жарды. Туп нускасында түп орду менен жок болсо деле «хакас» деген терминди байыркы жазма даректердин текстине, азыркы кездеги илим изилдөөчүлөрдүн эмгектерине күчкө салып киргизип, аты-жыты белгисиз кайдагы бир көз караштарды аларга жабыштырып, өзүнүн «талапкери» катары атаган авторлордун ой-пикирин үзүп-жулуп бурмалагандыгы үчүн ал талкуунун демилгечисин адилеттүү түрдө айыптады. Мындай бурмаланган учурлар Н. В. Кюнердин, Б.Карлгрендин, С.Е. Маловдун ж. б. белгилүү авторлордун Л. Р. Кызл асов далилге тарткан эмгектеринен алынган үзүндү лөрдө кезигет. Л. Р. Кызласовдун пикири боюнча, – деп белгилейт Ө. Караев, – орто кылымдардагы бардык эстеликтерде Минусин ойдуңунда жашаган ар кошкон калктын аты бул мамлекетте кыргыздар үстөмдүк абалда тургандыктан жаңылыш түрдө ошолордун аты менен аталып калыптыр.

Биз болсо илгерки жазма маалыматтардын баары текжаатынын ар түрдүүлүгүнө карабай жалпысынан чоң ишеним менен мамиле жасаганга арзыйт деп ойлойбуз. Анткени аларды жыйнап, жазып калтырган авторлордун көбү енисейлик кыргыздардын жеринде өздөрү болушкан же алар тууралуу калетсиз кабарларды бул аймакта болуп келген адамдардан алышкан. Эгер чынында эле VI–XII кылымдарда Минусин ойдуңун хакас аттуу уруулуу калк мекендеп турган болсо, кыргыздар бар болгону алардын аз сандагы ак сөөктөр жамаатын түзгөнү анык болсо, анда орто кылымдардагы жазма даректердин жок эле дегенде биринде бул тууралуу сөзсүз эскертилмек.

Кытай тилинин тарыхый фонетикасы боюнча таанымал адистердин бири, белгилүү кытайчы С. Е. Яхонтов орто кылымдардагы Енисейдин калкына карата колдонулган кытай терминдеринин маанисин чечмелеп, алардын тыбыштык түзүлүштөрүн кеңири талдоого алып, талкууга аралашты. Адис синологдун тай-тайлашка түшүп олтурган маселеге атайылап назарын буруп аны «тишин чагып», кылдаттык менен иликтеп-жиликтеп чыгышы, «хягасы» термининин тегерегиндеги кайчылашкан жана күдүктөнгөн ой-пикирлердин ажытын ачып, маселени бир жаңсыл адатка салгансыды. Анын пикирине ылайык, «хягасы» сөзүнүн кытайча баштапкы формасын кээде «хакас» деп жазып жүрүшөт. Анын бул маанисин кабыл алууг а болбойт, анткени ал кытай тилинин тарыхый фонетикалык эрежелерине эп келбейт».

Ток этер кепти айтканда, «хагасы» деген термин кыргыз деген сөздүн кытайча жазылышы болуп саналат; анын кытай санжыраларында айтылып жүргөн өзүнө тетелеш гяньгунь, гегу ж. б. у. с. формалары ошол эле этнонимдин фонетикалык варианттарын (мисалы, кыркур, же балким, кыркун, кыркут, кыркыз) билдирет. Хягасы деген айтым тыбыштык жагынан хакас деген сөздү түзө албайт».

Мына ошентип, маселе барып турган кадыр-барктуу деңгээлде чечилип, бардык иштин башы ачылган эле, көрсө, орто кылымдардагы кытай жазмаларында «хакас» деген эч кандай сөз жок экен. Көрсө, ал тарыхый чаташуу нун туундусу экен.

С. Е. Яхонтовдун макаласында дагы бир маанилүү тыянак жасалган: «Ушул эле себептерден улам азыркы «хаас» деген сөз да кытай тилине коошо албайт». «Хааска» байланыштуу ал, балким, мунун «ханас» жана «чаңгычы тюңзюэ» деген терминдерге байланышы бардыр деген божомолун айткан. Ушундай болушу толук ыктымал, анткени аркысы да, беркиси да енисейлик кыргыздардын кыштымдарынан болушкан.

«Кыргыз» жана «хакас» терминдеринин байланышы жөнүндөгү маселе иш жүзүндө С. Я. Яхонтовдун макаласында толук жана биротоло чечилип бүткөндүгүнө карабастан талашкан тараптардын бүйүрү кызып, кеп учугу таза терминологиялык пикир келишпестиктерден алда канча алыска чыгып, талкуу улана берди. Ага катышкандардын арасынан тарыхчы Н. А. Сердобовдун макаласын эскерте кетүүнүн жүйөсү бар. Ал түштүк Сибирдин этникалык тарыхындагы бир катар талаштуу маселелерге кайрылып, аларды кең-кесири талдоого алды. Автор адилеттүү түрдө көрсөткөндөй, «кыргыз» этнонимин Түштүк Сибирдин орто кылымдардагы тарыхына карата колдонуу боюнча тигил же бул автордун ээлеген позициясы таза академиялык мүнөздөгү кызыкчылыктардын же болбосо тек бир терминологиялык ыйкы-тыйкылыктардын тегерегинде гана калар иш эмес, анын азыркы кездеги улуттук мамилелерге да түздөнтүз тиешеси бар, жакында гана пайда болгон «хакас» этнонимин аймактын байыркы жана орто кылымдардагы калкына алып барып таңуулоо тарыхый процесстин шексиз бурмаланышына, азыркы кездеги элдердин өткөндөгү ролун туура эмес баалоого алып келет. Бүгүнкү хакастардын тарыхын жөнү жок эле жасап-түзөп, басса-турса да «эзелки эл» деп, анын жашын узартуу аракети башка элдердин басып өткөн жолуна шек келтирип, көлөкө түшүрөт. «Байыркы хакас мамлекетин» идеализациялоонун белгилүү аракеттери, Н. А. Сердобовдун пикири боюнча, Л. Р. Кызласовдун этно «мамлекеттик» саясат, «байыркы хакас» коомундагы сабаттуулуктун деңгээли тууралуу чыгарган бүтүмдөрүнөн, анын өздүк окутуу системасы, менчиктүү жана котормо адабияты болгон, кыскасы, күчкө толуп күр болуп турган чагында «байыркы хакас мамлекетинин даңкы» далай жерге жайылган деп ырастаган пикирлеринен көрүнөт.

«Көчмөндөрдүн «байыркы хакас» мамлекетин ушундайча мүнөздөө, – деп жазат буга байланыштуу Н.А.Сердобов, акыйкаттан канчалык алыс турганын атайылап далилдөөнүн кажаты болбосо керек». Ал И.А.Батмановдун жана башка түркологдордун пикирине кошулуп, Тувадагы руникалык жазуулардын бүт баарын «байыркы хакастардын» энчисине басып бергиси келген Л.Р.Кызласовдун аракетин сынга алды. Ошондой эле «хакас» жана «кыргыз» терминдерин бири-бирине карама-каршы коюп, кыргыздарды «орто кылымдагы хакастардын аристократиялык» майда уруусу катары гана таа ныган Л.Р.Кызласовдун негизги концепциясын да четке какты. С. Е. Яхонтовдун пикирин далилге тартып, Н. А. Сердобов эки терминди тең бир этностун атын билдирген окшош сөз катары эсептеген жалпы кабыл алынган көз карашка кошулду. Мындан тышкары ал Л. Р. Кызл асовдун «хакас» терминине жан тарткан «кумарлуу ышкысынын» себептерин ачып көрсөттү. Анын ою боюнча, «бул жерде аталган терминди азыркы хакас элинин аты менен байланыштыруу ниети көрүнүп турат».

Тарыхчынын бул пикирине кошулбай коюуга болбойт. Анткени Түштүк Сибирь менен Борбордук Азиянын тарыхындагы негизги орунду «байыркы хакастарга» алып берип, аларды тарыхый жана этногенетикалык жактан азыркы хакастардын «түпкү атасы» кылып жарыялоо аракети Л. Р. Кызласовдун башка да бир катар эмгект еринен таасын көрүнөт. Мындай аракеттин зыяндуу лугун Н.А.Сердобов хакас илимпоздорунун арасында «Л.Р. Кызласовдун жаңылыш көз карашын ээрчиген мыятк ерлерди» пайда кылып жатканын көрүп, андай тенденция, атап айтканда, К. Г. Копкоевдин эмгектеринде ачык байкалганын белгиледи. Н. А. Сердобовдун так кесер бүтүмүнө ылайык, «Енисей кыргыздары азыркы хакас элинин составына гана эмес», ошондой эле «тувалыктардын, орто азиялык кыргыздардын, алтайлыктардын составына да этникалык компонент болуп кирген», андыктан аларды «династиялык» ак сөөктөр тукумуна же «хакастарга» айлантуу жол берилгис иш.

Н.А. Сердобовдун бул адилеттүү сын пикирлери кий ин автордун тувалыктардын улуттук жактан калыптануу тарыхына арналган монографиясында да айтылды.

Л.Р. Кызласов өзүнүн оппоненттерин, атап айтканда, Н.А.Сердобовду «ырааттуу» жана «калыс» боло алган жок деп, Ө. Караевди болсо «тенденциялуулугу» үчүн кара күчкө айыптап, тил кайрууга аракет жасады. С.Е.Яхон товго ал каяша айтканга батына албады, анын далилдерине болгону Н.Ц. Мункуевдин «оозеки кеңештерин» каршы коюмуш болуп, анысын эби келишпесе деле эптеп П.Н.Кафаровдун, Н.В. Кюнердин, В.П.Васильевдин жана «башкалардын» пикирине тогоштура салып чыга берди. Ушул эле ыкманы ал «хакас деген терминге бекем байланган ыкласын» сыпаттоо үчүн да пайдаланды. Муну ал батыш Европалык синологиянын, «орус жана совет илиминин» саралуу салтына берилгендик деп түшүндүрүп, өз пикиринин тарапкерлери катары XVIII–XX кылымдардагы көп сандаган окумуштуулардын: Ю. Клапроттун, К. Виеделунун, И.Абель-Ремюздун, И.Дюгальддын,

Н.Я. Бичуриндин, К. Риттердин, В. В. Григорьевдин, Н.А.Костровдун, Е. К. Яковлевдин, В. В. Радловдун, А.А.Спи циндии, Н. М. Ядринцевдин, В. И. Огородниковдун, Н. Н. Козьминдин, Р. М. Кабонун, С. М. Киселёвдун, В. П. Левашованын, Л. А. Евтюхованын, С. А. Ток аревдин, Л. П. Потаповдун, В. Г. Карцовдун ысымдарын атады. Булардын баары «хакас» терминин канчалык өлчөмдө «жактаганын» ананыраак айталы. Азырынча болсо бул иш жүзүндө Л. Р. Кызласов өзү ойлоп чыгарган концепцияга, б. а., кыргыздарды орто кылымдардагы хакастардын династиялык бир уруусу катары караган көз карашка таптакыр тиешеси жок аттуу-баштуу адистердин артына жашынып, алардын колтугуна кире качкысы келген гана аракет экенин көрсөтө кетүү керек. Н.А. Сер добовдун калган башка негиздүү дооматтарын, алардын ичинде «байыркы хакас мамлекетин идеализациялоого умтулат» деген пикирин да Л. Р. Кызласов өзүнө жакын жуутпай, бул жагынан «менин көз караштарымда «аша чапкан эч нерсе жок» деп жайкап сүйлөп, суудан кургак чыккысы келди. Ал турсун «хакас» термини үчүн «арка-жөлөк болор» жаңы далилдерди тапканга аракет жасап көрдү. «Абакан татарлары» өздөрүн хакастар деп эзели аташпаганын моюнга алып, ал ошол эле учурда минтип жазды: «Бирок алар өздөрүн хаастар жана сагай-хаастар деп аташкан». Дал ушул айтымдар Л. Р. Кызласовдун көз карашы боюнча аларды «хакастар» деп атаганга негиз берет. Оппоненттерине каяша көрсөтүп жатып, ал айрым учурларда кыйла эле алдастаган абалын байкатып коёт. «Азыркы Туванын жана Тоолуу Алтайдын аймактарында жашаган элдердин тарыхый процесст еги ордун жана маанисин кемитүү», «башка элдердин ролун бурмалоо жана басынтуу» аракеттери жөнүндөгү… бизге таңууланган ойлорго каршы кескин нааразылык билдиргим келет».

Кийинчерээк бул «каяша кептерди» Ө.Караев кайрадан сындап чыкты. С. Е. Яхонтовдун пикирлерин төгүндөө үчүн Л. Р. Кызласовдун колунда жетерлик жүйөлөр жок экенин көрсөтүп, ал «хакас» термини синологдордун эмгектеринде талаштуу мүнөздө чечмеленгенин, ага

Л.Р.Кызласов атайылап көңүл бурбай атканын белгиледи. Н.А.Сердобовду адилет позицияда турган жок деп айыптаган Кызласовдун пикирин четке кагып, кезинде «Туванын тарыхын» даярдап тарыхка чыгарарда анын I томунан «байыркы хакастарды» алып салуу үчүн ал жалпы редколлегия менен жарнакташып көп күч жумшагандыгын эске салды. Ө. Караев ошондой эле кыргыздар жөнүн дөгү тарыхый маалыматтардын «хакастардыкы» болуп көрсөтүлүшүнө кайрадан каршы чыкты. Алардын көпчүлүгү Орто Азияда жашап өткөн кыргыздарга тиешелүү экенин, алар Кызласовдун колу ийрисине тарткан ыкмасы боюнча кайдагы бир «байыркы хакастардыкы» катары жаңылыш түрдө айтылып жүргөнүн бел гиледи.

Мындан тышкары Л. Р. Кызласовдун «хэсыхэ» деген кытай сөзүн «хасхалардын» (качиндердин бир уруусу) жери катары жаңылыш чечмелеп, анын негизинде бир кездерде «борбордук азиялык кыргыздар» болгон имиш деген көз карашы да сынга алынды. Ө. Караевдин пикири боюнча, «Хэсыхэ» (же хасхэ) деген аталышты тээ Маньчжуриядан, балким, анын тегерек белинен же болбосо кезинде князь Наяндын карамагына кирген аймактардан издөө керек. Ушулар менен бирге Ө. Караев руникалык жазма эстеликтердин «жаңы датировкасы» Л.Р.Кызласовдун сиңирген эмгеги эмес, ал чындыгында И.А.Бат мановго таандык экенин да тактап коюуну зарыл деп эсептеди. Акырында келип, Ө. Караев төмөнкүдөй жалпы тыянак жасады: «Жогоруда айтылгандардын баары чогулуп келип Енисей кыргыздары жайында кабарлаган күн чыгыштык авторлордун ролун төмөндөтүү жана алардын маалыматтарын бурмалоо аркылуу Л. Кызласов азыркы хакас элинин тарыхын жасалма түрдө байыркы доорлорго чейин узартат, аны көбүртүп-жабыртып көкөлөтөт деп айткан Н. Сердобовдун пикирин тастыктап турат».

«Кыргыз» жана «хакэс» терминдеринин тегерегиндеги талаш-тартыштардын урунттуу учурлары, жалпы жонунан алганда мына ушундай. Анын жыйынтыгы Түндүк жана Борбордук Азиянын орто кылымдардагы тарыхынан «кыргыз» этнонимин түп орду менен жулуп салууга аракеттенгендердин үмүтүн актаган жок. Тескерисинче, талкуунун жүрүшүндө Енисейдин эзелки калкына карата колдонулган терминдердин баары «кыргыз» этнонимине дал келери, анын синонимдери болуп санала тургандыгы аныкталды. Кытай жазма даректеринде «хакас» термини, анын кандайдыр бир башка формалары дегеле жок экени айкын болду. Мунун өзү болсо анын алда канча кийин келип чыккан адабий тегин артыкбаш ирет ырастап берди. Мына ушул фактыны талкуунун маанилүү эң башкы натыйжасы катары эсептөө керек.

Илимий коомчулук, Сибирдин тарыхын изилдеген адистердин баары талкуунун жыйынтыктарын оң баалап, Енисейдин орто кылымдардагы көчмөн калкын «кыргыз» этноними менен атоонун адилет жүйөсү бар экенин таанып кабыл алышты. Муну менен жадесе Л. Р. Кызласовдун өзү да эсептешпей коё албады. Талкуунун жүрүшүндө эле анын акыл-насаат үйрөткөн сөөмөткерлиги, өзгөнүн пикири менен эсептеше бербеген өжөрлүгү, тигил же бул көз карашты негиздөөдө өз кадырын көтөрө «муну биз биринчи жолу түкүнчө жылы эле айткан болчубуз» деген сердымактуулугу аз-аздап кайпактаган маанайга өтүп, өзгөрө баштаган болчу. Автор эми: «Орус жана совет илиминин салттарын» бекем карманарын айтып, «Кызласов элдердин ортосундагы достукту жактайт» – деп актана баштады. Мындай маанай Л. Р. Кызласовдун талкуудан кийин жарык көргөн айрым эмгектеринде да көрүндү. Мисалы, Сибирь элдеринин тарыхындагы археологиялык эстеликтердин маанисине арналган эмгекте эртеги кыргыздар адаттагыдай тырмакчага алынбай, орто кылымдардагы хакастар менен бирге Орто Енисейдеги архитектуралык курулуштардын жаратмандары катары эскертилет, ал эми түрк тилиндеги өзүнчө бир керемет бүткөн руникалык жазма эстеликтер болсо жалаң «хакастарга» эле эмес, «жергиликтүү уруулар менен элдерге таандык» делинип көрсөтүлөт. Мына ошентип, Л.Р.Кызласовдун эмгектеринде кыргыздар биринчи мертебе, «эртеги» деген эпитетти учкаштырып болсо да өз алдынча эл болуп аталууга укук алды.

Бирок арадан айланып мезгил өтүп, кыл чайнашкан бул кызуу талаштын жыйынтыктары күчүнөн тайгансып, анын таасири тартыла баштагансыды да, Л. Р. Кызласов 1975-жылы жарыкка чыккан эмгегинде эски көз караштарына кайрылып, мурдагы тейине түштү. Кыргыздарды ал көнгөн адаты боюнча кайрадан эки жагынан тырмакчага алып жазып, алардын тарыхый-маданий эстеликтерин «байыркы хакастардан» ажыратып бөлүү дегеле мүмкүн эмес деп ырастап чыкты. Кыргыздар кайрадан «бар болгону орто кылымдардагы хакастардын бир уруусу» болуп атала баштады.

Булардын баары автордун соңку он жылдын аралыгында жарык көргөн бардык эмгектеринде кездешет. Анын макалалары менен китептеринин беттеринде өз учурунда катуу сынга алынып, түндүгү түшүрө чабылган жаңылыш пикирлер, атап айтканда, «байыркы хакас цивилизациясынын» өнүгүү деңгээли, хакастардын букаралыгында турган аймактарга тийгизген анын маданий шарапат-шарпасы жайындагы ойлор жан киргендей жабалактап кетти. Бул аз келгенсип, Л. Р. Кызласов мурда «хакастардын» үстөмдүгү астында турган жерлерди Саян-Алтайдын жакабели менен белгилеп келсе, эми «байыркы хакас цивилизациясынын» территориялык экспансиясын Забайкалье, Батыш Сибирь, Казакстандын жайык талаалары менен Уралга чектеш аймактарга чейин жеткирип, алда канча кеңейтип таштаган. Ал эми автордун эң соңку эмгектеринде келтирилген «жаңы» маалыматтарга таяна турган болсок, анда IX–X кылымдарда Амурдан тартып Крымга жана Ангарадан тартып, Чыгыш Түркстанга че йинки келберсиген уч-кыйырсыз мейкиндиктин баары «байыркы хакас мамлекетинин» таасири астында калган. Анын чектерин андан ары кеңейтүү үчүн түштүк тарапта бир гана Тянь-Шань олуттуу тоскоол болуп турду, анткени «байыркы хакастардын» бул чөлкөмдө пайда болушу «айрым тарыхчыларга» Енисей менен Тянь-Шандын кыргыздарын чаташтырып, алардын түпкү ата-теги бир турбайбы деп ойлоо үчүн мүмкүндүк берер эле, муну болсо Кызласовдун концепциясы көтөрө албайт.

Л.Р.Кызласовдун бул «жаңы ачылыштары» И.Л.Кызласовдун эмгектеринде колдоого алынып өнүктүрүлдү. «Байыркы» же «орто кылымдардагы хакастардын» башка элдерге жүргүзгөн «үстөмдүгү» территориялык жана маданий жактан ого бетер кеңейтилди. Евразиянын көз кайкыткан кеңири аймактарындагы «хакастардын» өтмүштө болбогон үстөмдүгү тууралуу, алар кайдагы бир өзгөчөлүү «байыркы хакас цивилизациясын» түзгөн имиш деген бул кыялый, таттуу кыял барып келип эле баягы талкууда бардык жагынан сынга алынып, ансыз деле чектелген, тар маалыматтарды колко кылып, анын үстүнө аларды үстүртөн, субъективдүү мүнөздө чечмелеген мурдагы жаңылыш көз караштарга негизденет.

Деги бул аралыкта маселенин толук такталып, жалпы таанылган абалын кескин өзгөртүп жибере ала турган кандай жаңы даректер табыла калды да, аталган авторлордун эбак эле жетесине жеткире сындалып, илимде четке кагылган мурунку көз караштарга мынчалык астейдил кайрылышына эмнелер огожо болду? Иш жүзүндө анчейин деле эч нерсе болгон жок. Болгону кытайчы Н.Ц.Мункуев «Мен да бейлу» текстинин орусча котормосуна түшүндүрмө берип жатып, эскертүүлөрүнүн бир жеринде С.Е.Яхонтовдун «хягасы» сөзүн «кыргыз» деп чечмелегени анчалык так эместей көрүнгөндүктөн, ага күмөнсүп, туурасы «гаас» болот окшойт деп, өзүнүн вариантын сунуш кыла кетет. Болгондо да муну ал ар тараптан аңтарып, талдаптактап көрбөй туруп эле тек гана божомол кылып, сөз арасына кыстара кетет, анын үстүнө бул жоромол «хакас» деген терминдин пайдасына айтылган эч кандай далил да болуп бере алмак эмес. Ага карабастан Л. Р. Кызласов муну кыярбас чындык кылып карманып, илимде четке кагылган өзүнүн натуура көз караштарын жаңыртып, кайра таңуулап кирди. Аталган маселеге кайрылып, атап айтканда, ал мындай деп жазды: С. Е. Яхонтовдун макаласында хягясы (сяңзясы) сөзүнүн түзүлүшү катары хакас айтымы кабыл алынбайт, хягясы кыргыз деген терминдин кытайча жазылган бир түрү деп ырасталат. Бирок С. Яхонтовдун бул түш үн дүрмөсүн Н.Ц.Мункуев төгүнгө чыгарган болчу. Ал: «С.Е.Яхон товдун чечмелөөсүндө жана «кыргыз» деп көрсөткөн түшүндүрмөсүндө жетерлик негиз жок, сяңзясы үчүн, сыягы, эзелки гакас (ассимиляциялашканын эске алуу менен) ылайык келчүдөй» – деп көрсөтүп, Н.Ц. Мункуев андан ары окурмандарды «хакас» жана «кыргыз» терминдеринин тек-жайы сүрүштүрүлгөн биздин макалабызга нускаган.

Мына ошентип, С. Е. Яхонтовдун түшүндүрмөсү менен макул болууга жүйө жок».

Анык кызык деп ушуну айт: көрсө Яхонтовго ишенүүгө болбойт экен, анткени Н. Ц. Мункуев анын айткандарына макул болбогон себеби – ал Кызласовго ишенет, Кызласовдун далилдерин болсо Яхонтов туура таппайт. Көрүнүп тургандай, маселенин баары айлампалуу туюкка келип кептелди да, «эзелки гакас» илме иштен бетер «кыргыз» дебестен «хакас» деп айтуунун тууралыгын көрсөткөн айныбас далил болуп чыга келди! Макул дейли, Н. Ц. Мункуевдин айткан кеби кыярбас акыйкат болгон күндө деле «хакас» эмес «гакас», «гакастар», «гакас мамлекети», «гакас цивилизациясы» ж. б. у. с. делинип айтылып, жазылышы керек эле го, бирок эмне үчүндүр андай болгон жок. «Мен да бейлунун» котормосуна байланыштуу жазылган түшүндүрмөлөрдү жылт эте түшкөн ушул илинчекти Кызласов «өзүнүн мурдагы ышпалдасы чыккан концепциясын актап чыгуу үчүн пайдаланып, анысын азырга чейин карыша кармап келатат.

Аталган маселе боюнча ал талкуунун жүрүшүндө жана андан кийин да бир катар пикирлерди айткан эле, бирок алар талаш-тартыштын жаргылчагынан өткөн эмес. Ошондуктан буга чейин биротоло такталып, бир жаңсыл болуп чечилип бүткөн жагдайларды кайталабай туруп, Л.Р.Кызласовдун жаңы табылгаларына бир сыйра кайрыла кетүүнүн зарылдыгы келип турат.

Биринчиден, Тан доорундагы кытай жылнаамаларында цзяньгунь (кыргыз) жана сяцзясы (варианттары менен) терминдери эки башка мааниде колдонулат, алардын айырмасы бар деген пикирге Л. Р. Кызласов өзүнүн бүткүл концепциясынын өзөгү катары таянат. «Кытай тарыхнаамачылары, – деп ырастайт ал Тан доорунун тушунда «кыргыз» (цзяньгунь) деген терминди бир эле жазма даректерде «хакас» деген термин менен бирге колд онушат». Эскерте кетели, «сяцзясы» термини боюнча Л. Р. Кызласов келтирген варианттардын тизмесинде анын айрым формалары жок, бирок буга карабастан аларды деле Кызласов «хакас» сөзүнүн жазылыш түрлөрү деп эсептейт.

Мындай «айырмачылыктын» мааниси тарыхый-фонетикалык жактан эмнени туюнта тургандыгын өз кезинде О. Е. Яхонтов абдан эле ачык, айкын көрсөттү, андай «айырма» дегеле жок. Бул бир. Экинчиден, Л.Р.Кызласов ушул эки терминдин айырмалуу маанисин ырастай ала турган далил катары жылнаамаларда гяньгундардын «урук-урку динлиндердин тукуму менен аралашып кеткен» мезгилден кийинки жагдайлардан кабар берип, «хягас» деген эзелки гяньгунь мамлекети болот» деп көрс өткөн дарекке таянат. Чындыгында болсо, эгер котормонун тактыгына шектенбесек, анда бул туюнтма айырмачылыкты эмес, окшоштукту билдирет. Ал «хягас» деген «гяньгунь» деп өзү эле айтып турбайбы. Эгерде Л.Р.Кызласов далилдөөгө аракеттенгендей, иш башкача болсо, анда текстте «хягас» деген «гяньгунь эмес» деп жазылмак. Демек, бул эки терминди Л. Р. Кызласов теңирден тескери мааниде түшүндүргүсү келсе да, аларды жазма даректердин тексттери түздөн-түз түгөйлөш сөз катары атап олтурат. Мындан башка дагы кандай далил керек?!

Андан ары Л. Р. Кызласов «Түндүктөгү варварлар бара-бара бул сөздү өз тилинде жаңылыш түрдө хягас кылып алышкан, анткени уйгурлар алар тууралуу кеп кылышканда саргыч кызыл жүздүүлөр деп тергеп айткысы келген» дегенди келтирет. Бул маалымат өз кезинде «хягасы» дегенди кыргыздардын уйгурлар аркылуу кытай тилине өткөн «ылакап аты» катары эсептөөгө негиз болуп берген. Белгилей кетели, жазма даректердин авторлору бул жерде анын кийинки жазылыш формасын эртегисине карама-каршы койбойт, тек гана анын маанисин жана түпкү тегин түшүндүрүүгө аракеттенип жатышат. Буга байланыштуу К. И. Петровдун «хя (р) кяс» формасы аркылуу «хягас» жана «кыргыз» аттуу сөздөрдүн түпкү уңгусу бир экенин, алардын окшоштугун тапса болот деген божомолун эске түшүрүү жөн болчудай. Анын үстүнө «хя (р) кяс» айтышы кыргыздардын азыркы монгол тилиндеги аталышына «хяргас» дегенге абдан жакындашып турат. Мисалы, хяргас нур көлү, хяргас посёлогу. Кыскасы, «кийинки каталык» кыргыз этнониминин баштапкы маанисине таптакыр тескери келбейт.

Ошентип, хягасы жана «цзяньгунь» терминдеринин ортосундагы «айырмачылык» ойдон чыгарылган жасалма маселе. Андай болгон соң, арийне Л. Р. Кызласов ойлогондой, «хакас» термини кытай жазма даректеринде мааниси жагынан кыргыз деген терминге караганда алда канча кеңири жана тагыраак мүнөзгө ээ, анткени бул сөз чындыгында эле байыркы хакас мамлекетин түзгөн көп түрдүү уруулардын мүлдө баарын камтыган жалпы түшүнүктү билдирген» – деп тыянак чыгарууга эч кандай негиз болуп бере албайт. Деги минтип каякта, кайсы маалыматта айтылат экен?! Жазма даректерде мунун кыял ый кабары турсун, кенедей каңшаары да жок.

Л. Р. Кызласовдун «кыргыз» деген термин тили бөлөк, ар кошкон ошол уруулардын «энчилүү аты» боло алмак эмес деген сөзүнүн осолдугу да кашкайып көрүнүп турат. «Кыргыз» термини гана эмес, калган башка бардык терминдер деле, «хакас» деген жасалма сөз андан бетер, алардын «энчилүү аты» боло алмак эмес. Тили, түпкү теги жагынан ар башка түркүмгө кирген уруулардын кайдан жүрүп бирдиктүү «энчилүү аты» болсун?! Эгер «кыргыз» деген сөз бул мамлекетте үстөмдүк абалда турган этникалык тайпанын «кыргыздардын» «энчилүү атын» билдирген десек, анда башка кеп, ошону үчүн аны башкача эмес, «кыргыз каганаты» деп аташкан эмеспи. Ал эли кыргыздарга көз каранды болуп, алардын букаралыгында турган бардык башка урууларды жалпы жонунан «кыштымдар» (теги башка кул-кутандар) деп коюшкан, андыктан аларды ушинтип гана атоо керек.

Айтор, кайсы гана мамлекет болбосун, анын аталыш наамын букаралык абалда турган уруулардын санына карап аныктоо аракети беймааниликтен бөлөк эч нерсеге татыбайт, анткени көчмөн мамлекетте үстөмдүк кылуучу этнос ар дайым азчылыкты түзгөн, бирок тарыхчылар андай мамлекеттерди кайсы этнос бийликте турса, ошонун аты менен түрк, уйгур, кыргыз, монгол ж. б. мамлекети деп аташат.

Изилдөөчүлөр эбак эле белгилешкен, кыргыздар Енисейде «орто кылымдардагы хакастардын» арасында бар болгону «аз сандагы династиялык ак сөөктөрдүн» гана тукумдары болгон деген пикир акылга сыйбайт. Бул ойдун кантип, кайдан келип чыкканы да белгилүү: ал кыргыздардын «урук», «муун», «уруу» деген айтымдарын туура эмес түшүнүүдөн пайда болгон, анткени алар ар кайсы уруулар менен элдерге карата, анын ичинде «хягас» термин менен да айкалышып кеңири айтылган. Мисалы, «хягас үйү», «хягас деген чакан уруу» ж. б. Андыктан «кыргыздар – ак сөөктөр тукуму» деген аныктаманын ылгый керагар мүнөзү бар, ал «кыргыз» деген терминдин этникалык маанисин жокко чыгарууну көздөйт. Бул аныктаманын кабыл алынышы маселени татаалдантып, чечилиши кыйынга турган бир катар карама-каршылыктарды пайда кылмак. Эгерде гяньгундарды чынында эле ак сөөктөрдүн бир ууч «урук-урку» болгон деп эсептей турган болсок, анда алар жазма даректерде өздөрү менен бирге айтылып жүргөн азар түмөн динлиндерди кантип каратып алышкан да, аларды кантип ассимиляциялап алган? Эгер алар бул кезде өзүнчө урук-тукум болуп түзүлө элек болчу деп санасак, анда кайдан жүрүп этностон бир уруктун гана уюткусун түзүп калат? Андан кыйла кийин деле «сеок-кыргыз тукуму» ар кайсы уруулардын составына киргени белгилүү, ал эми династиялык укум-тукумдар бир гана уруудан чыгышы мүмкүн эмеспи… Мисалы, түрк уруусундагы ашина тукуму, уйгур уруусундагы яглакар тукуму ж. б. Анан калса «кадыр-барк күткөн жана белгилүү болгон, ушундай жамаат тан чыккан тукумдардын аттары» кыргыздардын өздөрүнүн ичинде да болгонун жазма даректер кабарлайт.

Енисейдеги байыркы бул «мамлекетте кыргыздар үстөмдүк абалды ээлеп тургандан улам гана» ошол замандагылар аны, Л. Р. Кызласовдун пикири боюнча, «жаңылыш» түрдө кыргыздардын мамлекети атыктырган имиш. Аны кыргыздардын өздөрү түгүл, ага жамаатташ жашап, жакшы билген же болбосо алыстан туруп дайнын угуп, кабарын эшиткен элдердин баары ушинтип атаган соң, ал дал ошол эзелки энчилүү аты менен гана аталганы абзелдир. Буга кала берсе, «тилдеги эн белгилер» да эч кандай эбеп боло албайт. Кыргыздардын тилинде бир нече «самодий» сөзү бар экени ырас, бирок ал тарыхый чындыкты өзгөртүп ийе албайт жана Енисейдин калкы самодийлердин тукумунан жаралганына кепил боло албайт. Кыргыз тили түркий тилдердин түрк үмүнө кирери кимге таңсык, муну жадесе Л. Р. Кызласов өзү айткандай, кыргыздардын мамлекетинде «адабий тилдеги» озуйпасын аткарган «көрөңгөлүү руникалык Енисей жазуусу» деле ырастап турбайбы:

Л. Р. Кызласовдун «хакас» деген сөздү хаас (качиндер), хааш (тофалар), хаасут (дархат-монголдор менен тувалыктар) сыяктуу этнонимдер менен жакындаштырганы да анын көз карашын бекемдөөгө арка-жөлөк боло албайт. Аталган этникалык тайпалар, балким, түпкүлүгүндө барып этникалык жалпы бир уңгуга жалгашар. Мындай болушу толук ыктымал. Болгону аларга окин соётторунун составындагы хаа-суттардын урук-жаатын кошуу керек.

Тарыхта белгилүү, өз учурунда Хубсугун көлүнүн жака-белинде хаасут кошуну жашаган. Ал административдик жактан өзүнчө турган тогузунчу урянхай кошуну эле.

Ушундан-улам божомол кылса болот: хаасуттар жана аларга жакындыгы бар башка этникалык тайпалар, балким, ага хаас-качиндер да кире турган чыгар, ошол урянхайлыктардын, жазма даректерде айтылгандай «чер токойдо жашаган урянкаттардын» укум-тукуму болушу мүмкүн. Урянхайлар Тан жана Юань доорунда хакас, хабханас, ханьхэна, чаңгычы тюшзюэ деген сыяктуу нысапалар менен таанымал болушкан. Айтор, аларды хааскачылыктар менен бир текке жалгаштырса болчудай деп айткан. С. Е. Яхонтовдун божомолунда калетсиз чындык бар сыяктанат. Бирок кептин негизги уңгусу мында: бул жерде аталган тайпалардын баары кыргыз мамлекети күчкубатына толуп, күр болуп улуу держава аталып турган чакта ага кыштымдарды берип турган. Ошол кыштымдардын бир бөлүгү кийин ханас деген ат менен кыргыз жергесинде орустар пайда болгонго чейин сакталып келген, ал турсун бүгүн деле ушу азыркы эле хакастардын бир уруу жамаатын түзүшөт. Андыктан Л.Р.Кызласов өңдөнүп хакастарды (ханас, хабханас) харгястар (кыргыздар) менен чаташтыруунун эч кандай зарылдыгы жок. Анын үстүнө алар харгястарга көз каранды болуп, алардын букаралыгында турушкан. Кыштымдар тарыхта «кыштым бойдон калууга тийиш. «Байыркы же орто кылымдардагы хакастар» деген кайдагы бир өтмүштө жок жалган атка жамынып, кыргыздардын тарыхын аларга тартып берүү ары осол, ары одоно иш.

Л. Р. Кызласов андан ары өз жоромолун дагы бир тарыхый табылга менен тастыктоого тырышат, атап айтканда, ал мындай деп жазат: «Енисейдин ортоңку жана өйдөкү алабынан табылган руникалык жазууларда кыргыздардын аты аталбайт, болгону анын «синоними»– эль деген гана сөз жолугат». Макул, ушундай экен деп туралы. Бирок «кыргыз» деген этноним биздин заманда тээ илгерки III кылымдан тартып биздин замандын XVIII кылымына чейинки ар түрдүү элдердин жазма даректеринде ташка тамга баскандай болуп бадырайып жазылып турбайбы. Эң негизгиси – ал түрктөрдүн, уйгурлардын жазма санжыраларында кыргыздардын өздөрүнө таандык тарыхый-археологиялык тексттерде кездешет. Эмне экен, айрым эстелик алардын аты аталбай калса эле «кыргыз» деген этнонимдин түпкү нускасынан шек санап, аны тарыхтан орду-түбү менен шыпырып салуу керекпи?! Тан доорундагы жылнаамаларда кездешкен анын «хягясы» аттуу бир түрүнөн шек санап, андан «айырма» издеп ополоң-тополоңго түшкөн аракет кыргыздар тууралуу башка даректерде түгөл кездешкен маалыматтардын алдында чындап келгенде шоона эше албайт. Анан калса «эль» деген сөз руникалык кыргыз жазмаларында гана учураса бир жөн эле. Эгер ал «кыргыз» деген сөздүн «синоними» болгон болсо, анда уйгур жана түрк тилиндеги жазууларда анын мааниси эмнени билдирет? Кайсы жагынан албайлы, «эль» жана «кыргыз» деген сөздөрдү кыйыштырып, «түгөйлөштүрүү» таптакыр алгылыксыз жосун болуп турат.

Жүрө түшүп Л. Р. Кызласов өзүнүн өйдө жакта айтылган ойлоруна мындай бир далилди кошумчалай турган болду. Көрсө, азыркы хакастардын арасында өздөрүн «хаастар жана сагай-хаастар» деп атаган этникалык тайпалар бар экен, мына ошол себептен улам биз Енисейдин байыркы калкын «хакастар» деп аташыбыз ылаазым экен. Хаастар (качылыктар) жөнүндө өйдө жакта айтылды. Ал эми «сагай-хаас» деген болсо Л. Р. Кызласовдун атасы Роман Афанасьевич Кызласовдун адабий псевдоними, Бейка улусунда жашагандар «кээде өздөрүн ушинтип аташчу» экен. Эми мына ошол адабий псевдоним орто кылымдардагы Енисейдин калкы үчүн «энчилүү ат» катары сунуш кылынып отурат.

Макул кыргыздар ал кезде үстөмдүк абалда турса да элдин «көпчүлүгүн» түзө албаган экен, ошону үчүн «тарыхый акыйкат» Л. Р. Кызласовго орто кылымдагы Енисейдин калкын кыргыздар деп атаганга «уруксат» бербей жатыптыр дейли, андай болсо эмне үчүн ал ошол байыркы көп уруулуу элдин баарын кыргыздардай эле азчылыкты түзүп, бирок эч качан үстөмдүк абалга жетпеген, тескерисинче, кыргыздардын букаралыгында турган бир уруунун аты менен атаганга өзүнөн өзү «уруксат берет?! Неге дегенде хакас-качылыктар, ал эми Бейка улусунда жашагандар андан бетер «эмгекчил калктын көпчүлүгү» боло албайт эмеспи, алар болгону кыштымдардын бир уруусу гана болуп саналат го.

Л. Р. Кызласов айтып жаткан «абакан татарларына» келсек, алардын чынында эле энчилүү аты болгон, бирок алар өздөрүн хаастар же сагай-хаастар деп эмес, «тадырлар», б. а., татарлар деп эле аташкан. Бул энчилүү ысым Хакассиядагы жергиликтүү калктын оозеки тилинде ушу кезге чейин айтылып жүрөт, аны кала берсе «хакас деген официалдуу ат да сүрүп чыгара алган жок.

Дагы бир кызык нерсе: хакастардын топонимикасы, жалпы эле фольклору, мисалы, хыргыс, уйгур, тиргеш, тилек, моол ойрот, торбет, китат, соян, сарт ж. б. у. с. орто кылымдардагы жана азыркы кездеги толгон-токой уруулар менен элдердин аты-жөнүн санат кылып айтат да, ал эми өзүнүн «хакас» деген жасалма өгөй атын эч бир жерде атабайт, андай атты таптакыр билбейт. Ал гана турсун «тадырлар» менен бирге хакас фольклорунда ага чейинки жалпы аталышы – «хоорай» деген сөз кездешет. Бул эмне Енисейдин «көпчүлүк эмгекчил калкы» илгерикийин болобу «хакас» деген жасалма, китеп сөзүн эч качан эшитип-укпаганын, алар өзүн «хоорай» жана «тадыр» деп гана атаганын ырастай албайт бекен?!

Тарыхый адилеттик мына ушул фактылардын баарын эске алууга милдеттендирет, алар болсо бир гана нерсени Енисейде өткөн доорлордо өздөрүн «хакас» деп атаган эл эч качан жашабагандыгын жана андай элди ошол кездеги жумурай-журттун эч кимиси угуп көрбөгөндүгүн күбөлөндүрүп турат. Бул сөз өзүнүн ушу таптагы маанисинде биздин кылымдын 20-жылдарынан бери гана айтылып келатат, андыктан аталган аймактын калкын дал ошол мезгилден тартып гана хакастар деп айтуу керек.

«Хакас» деген сөздү орто кылымдардагы Енисейдин калкына көчүрүп барып, ага зордуктап жалгаштыруу аракети тарыхты бутун башына каратып бурмалоо гана болуп саналат.

Л. Р. Кызласовду сынга алгандар адилет белгилешти, анын концепциясы терминдерди тетири тейге салып алардын ордун алмаштыргысы келген аракет менен эле чектелбейт. «Кыргыздар» менен «кыштымдардын» тарыхый жактан аныкталган айырмасын танып, анын ордуна кайдагы бир ойдон чыгарылган «хакас» деген терминди таңуулап, Л. Р. Кызласов иш жүзүндө жалпыга белгилүү чындыкты, тактап айтканда, азыркы хакастар урук-урку жагынан кыргыз кыштымдарынын урпактары экенин, ал эми кыргыздар болсо хакастардын эле эмес, ошондой эле тувалыктардын, кыргыздардын жана башка түрк тилдүү элдердин составына киришкендигин төгүнгө чыгарууга умтулат. Арийне, биздин жумушчу-дыйкан мамлекетибизде өз элинин түпкү тегин сөзсүз эле «династиялык ак  сөөктөр тукумуна» алып барып тогоштуруу милдет эмес. Ошол эле учурда «көпчүлүк эмгекчил калкты» – кыштымдарды байыркы ата-бабабыз деп айткандын да эч кандай осолдугу жок, бирок эмне үчүндүр айрым бир марксист-тарыхчылар дал ушул чындыктан көбүрөөк «көрүнүшүп», өз элинин өткөндөгү тарыхын кандай да болбосун мартабалуу кылып өзгөртүп түзүүгө жанталашышат, ошондуктан бир кезде атагы таш жарып, дарек-даңкы бүткүл Азияга угулган «хиргиз элинин» укум-тукумдары башка эмес, мына биз болобуз дешет, ага эч кимди жакын жолотпой, жосуну келбесе да өздөрүнө энчилеп алгысы келишет. Бирок минтип ар кимибиз эле өзүбүзгө атак-даңкына карап ататек тандай берсек, анда тарыхтан эмне тамтык калат? Андыктан Л. Р. Кызласовдун көз караштары менен кала берсе азыркы күндөрдөгү мына ушул позициялардан туруп караганда да макул болууга болбойт.

Айтор, айтылгандардын баарын жыйынтыктап, ток этер тыянакка токтолсок, алды менен мына муну белгилөө зарыл: илимде белгилүү болгон бардык тарыхый даректерге ылайык, орто кылымдарда Сибирдин түштүгүндө өздөрүн «кыргыз» деп атап, калган башка элдерге дал ушул ат менен таанылып, аттын кашкасындай белгилүү болгон түрк тилдүү эл жашаган. Кыргыздар өз мамлекетинде жалпы жонунан «кыштымдар» деп аталган тили жана этникалык тек-жааты жагынан ар түрдүү тайпаларга кирген урууларды текши бирдей баш ийдирип, бийлик башында турган. Андыктан орто кылымдарга тиешелүү материалдарды баяндап жазууда же талдап көрсөтүүдө «кыргыздардын» өзүн, «кыргыз маданиятын», алар түзгөн мамлекетти – «кыргыз каганатын» өзүнчө так ажыратып, кыргыздардын букаралыгына кирген «кыштымдар» менен чаташтырбоо зарыл.

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ТЕГИ

Кыргыз маданияты кайдан келип чыккан жана анын тарыхый тек-тамыры кайда барып такалат? Минусиндеги эзелкинин табылгаларын түркүм дөштүрүп жатып, С.А.Теплоухов бул маселеге биринчи ирет иликтөө салып көргөн. «Чаатас» деген ат менен белгилүү болгон көрүстөндөрдү ал эстеликтердин өзгөчө VI тобуна топтоштуруп, алардын «айкел кептер» көмүлгөн мүрзөлөргө «тыгыз жакындыгы» бар экенин көрсөткөн.

Муну азыркы түшүнүк менен чечмелеп айтсак, автор

б.з. III–IV кылымдарындагы таштак маданиятынын тепсей дооруна мүнөздүү эстеликтер менен VI–VIII кылымдарындагы кыргыз маданиятынын чаатас дооруна таандык объекттердин ортосунда бири-бирине улашып, урукташып хронологиялык жана генетикалык окшоштуктарды көргөн. С. А. Теплоухов, атап айтканда, чаатастардын таш тосундары менен тагар коргондорунун мамы кейиптүү плиталары өз ара түспөлдөшүп турганын, таштык жана кыргыз карапа өнөрүндөгү өңдөштүктү, эки маданияттын тең көрүстөн эстеликтеринен колодон жасалган эки баштуу, түс-түрпөлү бирдей жалпак тумарлар табылганын көрсөткөн.

Андан кийин аталган маселени С. В. Киселёв атайылап изилдеп чыккан. С. А. Теплоуховго кошулуп, ал да кыргыз маданияты бул аймактагы байыркы маданияттар менен «күчтүү байланышта» болгон деп көрсөттү. Бул оюн бекемдеш үчүн ал чаатастар түзүлүшү жагынан тагар коргондоруна окшош келерин, андан тышкары тагар, таштык жана кыргыз эстеликтери баары тең «эшик» чыгарылып жасалганын далилге келтирди. С.В.Киселёвдун көз карашына ылайык, таштык мезгилиндеги көрүстөн казанактары менен чаатастардын ички жасалышында «таң каларлык окшоштуктар» байкалат, мисалы, мүрзөлөрдүн ороосу айландыра кыска устундар жана чабак жыгачтар менен кынапталып, ортосуна түркүк орнотулган. Автордун айтымында «соңку таштык доорундагы» кабырлар чаатастарга айрыкча окшош келет, алар төрт тарабынан таш менен корумдалып, чарчы түрүндө ор казылып, көтөрмө кылып жасалган; ар биринде бирден-экиден өрттөлгөн адамдын жасаты, идиш-аяктар жана койдун же уйдун сөөктөрү бар. Эки маданияттын тушунда тең кабырларга коюлган ыскат буюмдардын арасынан адат катары жандыктардын эки башы, көбүнчө жылкынын, койдун түспөлү түшүрүлүп, алтын жалатылган буюмдар, сапал идиштер кездешет. С. В. Киселёвдун пикири боюнча Кичи Копен кыштагынын жанындагы байыркы кенттерден жана Тесь кыштагындагы көрүстөндөрдөн табылган кыргыз карапалары «бүт бойдон» соңку тагар жана таштык доорундагы карапаларга түспөлдөш, ал эми Копен чаатасындагы чегеленип жасалган буюмдардын асемдери болсо «тагар-таштык искусствосуна урукташып турат». Таштык жана кыргыз маданиятынын ортосундагы тыгыз «генетикалык байланыш» автордун маалыматтарына ылайык, таштык доорундагы бет кептерге байкоо жүргүзгөн учурларда да көрүнөт. Мындай бет кептер ошол кезде калктын жаңы, кыргыздарга мунөздүү келген кебете-кешпири калыптанып бүткөнүнөн кабар бере алат. Соңку таштык доорундагы көрүстөндөрдөн чаатастарга өтүү процесси, С. В. Киселёвдун божомолунда, «кудырган мезгилине чейинки» (б. з. V к. чейин) убактарда аяктаган.

С. В. Киселёвдун бул пикирлерин Л. А. Евтюхова кубаттаган. Ал енисейлик кыргыздардын өлүк көмүүгө байланышкан ырасымдарынын «түпкү тамырын» таштык доорундагы көрүстөндөр менен казанактардан алынган далилдерге алып барып тогорушкан. Автордун оюна ылай ык, мындай жакындыкты таштык жана кыргыз доорунун ортосундагы «өткөөл мезгилдин» эстеликтери айрыкча таасын көрсөтүп турат. Мисалы, «маркумдарды өрттөп көмүү» салты, көрүстөндөрдүн ички жасалышы, казанактардын үстүн кайыңдын кабыгы менен кабаттап жаап, шагыл таштарды корумдап үйүшкөнү, жаныбарлардын сүрөтүн чегелеп, алтын жалатып тумар жасашканы ушундай окшоштуктарды билдирет.

Л.Р.Кызласов да айрым бир эмгектеринде С.В.Киселёвдун өйдөдө айтылган тыянактарын кайталайт. Көрүстөндөрдөн жалпак коло тумарлардын табылганы, Сыр чаатасындагы коргондордун түзүлүшү, анын пикири боюнча «байыркы хакас маданиятынын генетикалык жактан таштык доорундагы маданият менен калетсиз байланышы бар экенин» ырастайт. Автор эки маданиятка тең тиешелүү идиштердин формасы да бирдей деп белгилейт. Кийинчерээк Л. Р. Кызласов таштык доорунан «Камешков өткөөл мезгилин» бөлүп чыгып, аны б. з. IV–V кылымдарына таандык кылып көрсөткөн. Бул мезгилде казанак казуу, өлгөн адамдын денесин өрттөө, көрүстөн бет китептерин жана башка миниатюраларды жасоо салты колдонулбай калган. Л. Р. Кызласовдун бүтүмүнө ыла йык, «VI–X кылымдардагы маданият түпкү теги боюнча таштык доорундагы маданияттан өнүм алып өсүп чыкканын С. В. Киселёв кандыра далилдеп берген жана ал эч кимдин каяша пикирин пайда кылган эмес. Буга жогоруда айтылган Камешков мезгилиндеги эстеликтер эң сонун таандык боло алат. Соңку таштык жана байыркы хакас доорундагы көрүстөндөрдөн жолукчу карапалардын сырткы түспөлүндөгү айырмачылыктарга байланыштуу келип чыккан жасалма карама-каршылыктар да бир жаңсыл болуп чечилүүдө. Биринчиден, биз VI–VIII кылымдардагы идиштердин формасы кандай болгонун буга чейин эле көрсөткөнбүз, алардын таштык дооруна байланышы бар экени анык (төрт кырдуу идиштер, жез оңколор, түбү тегерек чөйчөктөр, гүл түшүрүлүп кооздолгон картыктар ж. б.); экинчиден, VI кылымдан тартып карапа жасоочу чыгырыктын кеңири колдонула башташы соңку таштык доорундагы карапа жасоо өнөрүнүн өнүгүшүн өксүттү; үчүнчүдөн, Кичи Копен кыштагындагы VI–X кылымдарга таандык эзелки кенттин ордун казганда табылган буюмдар күнүмдүк тиричиликте байыркы хакастар таштык, ал турсун андан мурунку тагар доорунан бери келаткан чаптама идиштерди урунушканын ырастады».

Бул үзүндүдөн көрүнүп тургандай, 60-жылдары илимпоздордун арасында таштык жана кыргыз маданияттарынын өз ара урукташ-тектеш экендиги эч кимдин шектенүүсүн пайда кылган эмес. Андан бир топ жыл кийин Л.Р.Кызласов: «Таштык доорундагы көрүстөн казанактары болбогондо чаатастар да болмок эмес» – деп өзүнүн мурунку пикирлерине кайчы келген бүтүмүн айтып чыкты. Буга чейин чаатастар казанактардын эмес, «таш менен тосмолонгон көрүстөндөрдүн» үлгүсүнөн пайда болгон деп ырастап келген. Мындай эки ача көз караштын ажыты таштык маданиятынын мезгилдери жөнүндөгү маселени М. П. Грязнов кайра карап чыккан соң аныкталып, биротоло такталды.

Тепсей XI чаатасын казып изилдегенде таштык казанактары менен кыргыздардын чаатас коргондору курулушу жагынан үндөшүп тургандыгы аныкталды. АчаМаринин ойдуңундагы Михайлов көрүстөнүнөн таштык маданиятынын тушундагы казанактар табылган, аларга коюлган ыскат буюмдарынын арасынан эртеги орто кылым мезгилине мүнөздүү келген «кыргыз вазалары», курал-жарак турмандары чыккан. Э. Б. Вадецкая жүргүзгөн иштердин натыйжасында таштык доорундагы өлүк көмүү жана аза күтүү каада-салты жөнүндөгү маалымат-түшүнүктөр бир кыйла байыды. Тепсей чаатасынан табылган миниатюралар таштык мезгилиндеги оюм-чийим, чегелөө ишинин усулун аныктоого мүмкүндүк берди. Ослахтин көрүстөнүнөн ачылган «маникендер» көрүстөн бет кептери менен «куурчактар» кандай максатта колдонулганын дайын кылды. Соңку жылдарда чаатас доорундагы Енисей калкынын өлүк көмүү адатына тиешеси бар маалыматтар кыйла кеңейди.

Айрым бир эмгектерде тесин мезгилин таштык маданиятына бириктирип, анын хронологиясын б. з. VI, ал турсун VII кылымына чейин «жашартып», ал эми чаатас доорун эки мезгилге бөлүп, анын жогорку чегин X кылымга чейин узартуу сунушу айтылган. Арийне, таштык жана кыргыз маданияттары өз ара урукташпы, жокпу, аны так аныктоо көп жагынан алардын хронологиясы жайындагы маселенин чечилишине жана чечмеленишине жараша болору түшүнүктүү.

Чаатас доорундагы кыргыз маданияты хронологиялык жактан түз эле таштык маданиятынын соңунан башталат. Таралуу чөлкөмү жагынан да ал, негизинен, ошол эле аймакка туура келет. Болгону Ача-Маринин ойдуңу менен Саян өрөөнү гана анын таасиринен сырткары турат, анткени бул жерлерден таштык маданиятынын эстеликтери гана жолугат. Анын үстүнө өз ара салыштырылып жаткан комплекстер, негизинен, көрүстөн эстеликтери болуп саналат.

Таштык маданиятынын тепсей этабында, б. а., III–IV кылымдарда алар абдан эле көп түрдүү болгон. Алардын ичинде чарчы же тик бурчтук түрүндө казылган ороосу, асты-үстү тосулуп, төрт тарабы кынапталып кээде эшик чыгарып жасалган көтөрмөсү; туурасынан жаткырылган плиталар менен чарчы же тик бурчтук түрүндө урулган тосмо дубалы, а кээде көтөрмөнүн үстүнө тикесинен орнотулган плиталары бар чоң казанактар, коргондор көбүрөөк жолугат. Казанактарды катмар-катмар кылып тосундап, таш плита төшөп, топурак төгүп жабышкан. Алар коллективдүү сагана-жайдын милдетин аткарган. Өлгөндөрдү өрттөп, сөөктөрүн тери маникендерге салып, көрүстөн кебин кийгизип коюшкан. Ыскат үчүн ар түрдүү асемдеги идиштерди, миниатюралык предметтерди, таралгаларды, тумарларды, чынжыр боолорду, куралжарак турмандарын ж. б. буюмдарды көмүшкөн. Мындан тышкары түзүлүшү жөнөкөй чакан казанактар да кездешет, алардын көтөрмөсү алдына эч нерсе төшөлбөй, эшик жасалбай, тикесинен орнотулган таш плиталар менен корумдалып жасалган. Аларга өрттөлүп, маникенге оролгон улкан менен бирге адамдын табыты жана чогултулган сөөктөр коюлган. Ыскат буюмдары сапал идиштерден, таралгалардан, тумарлардан турат. Казанактардын баары толтурулгандан кийин эреже катары өрттөп турушкан. Топурак бейиттер болсо тик бурчтуу чуңкур түрүндө казылып, көтөрмө кылып кашааланып, үстү жабылган. Алардан көбүнесе сапал идиштер, жасалгалар, койдун кабырга сөөктөрү чыгат. Чакан казанактар менен топурак бейиттер чоң казанактардан айырмаланып дароо эле толтурулган. Жаш балдарды таш табыттарга салып, тосундап жабылган чуңкурларга, топурак бейиттерге коюшкан.

Таштык доорундагы өлүк коюу адаты белгилүү мөөнөт менен чектелген, мунун өзү табытты сактоонун, аны мумиялап, бальзамдап катыруунун, маркумдун өрттөлгөн жасатын маникенге салып беткеп кийгизип, кайра өзүндөй кылып иреттеп чыгуунун татаалдыгы менен шарт талган.

Маркумдарды эскерип, аза күтүү зыяпаты бир түрдүүрөөк, жөнөкөй мүнөздө болгон. Бул үчүн атайын кыдырата ороолор, таш текчелер жасалып аларга койдун, уйдун эти, идиштер коюлган. Аза күтүү ашына катышкандар азыктардын калдыктарын ошондой ороочолорго калтырып кетишкен. Мындай кыркаарлар кабырлардын, топурак бейиттердин жанынан кээде көрүстөндөрдөн алда канча окчун жерлерден жолугат. Аталган эстеликтерден кез-кезде чоң адамдардын өрттөлүп жана өрттөлбөй көмүлгөн мүрзөлөрү, идиштерге салынган улкандар, балдардын кабырлары учурай калат. Алардын айрымдары, божомолго ылайык, курмандыкка чалынгандар болушу ыктымал. Таш алдына корумдалып көмүлгөн бейиттерди да мына ушундай объекттерге кошууга болот.

Чаатас доорундагы кыргыз маданиятынын эстеликтери да ар түрдүү келет. Алардын ичинде кеңири таралганы – таш коргондор – чаатастар болуп саналат. Чаатас коргондору айландыра таш плиталар менен урулуп, чарчы, төгөрөк дубал менен тосулуп, кээде эшик чыгарылып жасалган. Алардын ороолору да төгөрөк, чарчылама түрүндө казылып, тегерете дубал менен капталып, үстү чабак жыгачтар менен бастырмаланган.

Коргондорду бойлотуп, айланта тосундар коюлган. Чаатастарды белгилүү өлчөмдө казанактардын жөнөкөйлөштүрүлгөн архитектурасы деп эсептөөгө болот, болгону аны тигинен орнотулган тосундары айырмалап турат. Чаатастардын негизги кабырларына өлгөн адамдын күйгүзүлгөн сөөктөрүн бирден-үчтөн топ-топ кылып чогултуп, ага кошуп койдун этин, идиш-аяктарды, мунун ичинде «кыргыз вазаларын», оңко-картыктарды, курал-жарак, ат жабдыктары ж. б. буюмдарды коюшкан. Мындай коргондор бир эле мезгилде тургузулуп толтурулган. Алардын түзүлүшүнөн өлүк көмүү жана аза күтүү каадасына байланышкан жөрөлгөлөрдүн айкалышын көрүүгө болот, таштык доорунда андай ырасымдар өз-өзүнчө жасалган.

Чаатас коргондорунун айланасынан карапайым мүрзөлөр, балдардын жана өспүрүмдөрдүн бейиттери көп жолугат, аларда өрттөлгөн адамдын күлү – карапа идиштерге, жыгач онколорго, таш кутуларга салынып көмүлгөн. Социалдык жана жаш курак жагынан мындай ажырымдын белгиси таштык маданиятынын тепсей мезгилиндеги эстеликтерден да байкалат.

Кыргыз көрүстөндөрүндө – чаатастарда эч кандай буюму жок же болсо да өтө эле жупуну мүнөздө көмүлгөн кишилердин бейиттери аз учурайт. Мындай кабырлар кыргыз коомунун социалдык жактан көз каранды абалда турган катмарына – кыштымдарга тиешелүү деп эсептелинет. Таштык дооруна мүнөздүү табылгалардын арасынан мындай эстеликтер кезиккен эмес, мунун өзү ал кездеги социалдык мамилелердин деңгээлинин башкача болгондугун билдирет.

Таштык жана кыргыз маданиятынын инвентардык комплекстери бири-биринен олуттуу түрдө айырмаланат. Бул болсо алардын ар бири ар башка баскычта турганын ырастайт. Кээ бир адистер кыргыздардын карапа идиштерин тепсей мезгилиндеги картык жана казан сымак идиштерге түспөлдөштүрүп жүрүшкөнүнө карабай, алардын чындыгында болор-болбос гана окшоштуктары бар. Сыягы, кыргыздардын карапа жасоо өнөрүнө Борбордук Азиядагы өнүккөн карапа өндүрүшү күчтүү таасир тийгизген деп эсептеген изилдөөчүлөрдүн пикиринде акыйкат бар өңдөнөт, ошентсе да таштык дооруна салыштырганда кыйла айырмалуу белгилерге ээ болгон кыргыз карапасынын бөтөнчөлүктөрүн ошол келгин формалардын таасири менен гана түшүндүрүүгө болбосо керек. Балким, кыргыз доорунда идиш-аяк жасоонун негизги материалы катары чопо өз маанисин жогото баштаган чыгар. Анткени мындай көрүнүш эртеги орто кылым доорундагы башка көчмөн маданияттарга да мүнөздүү болгон. Курал-жарактардын түрлөрү, ат жабдыктардын, кемер-курлардын ж.б. буюмдардын жасалышы да таштык мезгилине салыштырганда олуттуу түрдө айырмаланат. Чаатас доорунда киселүү курлар, жылаажын тагылган чынжырлуу ооздуктар, үзөңгүлөр, асемдүү ат жабдыктар курал-жарактардын жаңы түрлөрү кыргыз көчмөндөрүнө кеңири тараган. VIII кылымда Енисейге байыркы түрктөрдүн руникалык жазмасы келип кирген. Кыргыз маданиятында болуп өткөн көп сандаган жаңы жөрөлгөлөрдүн түп уңгусу таштык доорундагы маданияттан табылбайт, алардын көпчүлүгү кыргыздарга коңшулаш турган байыркы түрктөрдүн жана уйгурлардын көчмөн маданиятынан оошуп кирген. Таштык маданиятына жакындаткан окшоштуктар, негизинен, жаныбарлардын өзгөчө жылкынын эки башы көрчөгөлөнүп, койдун сөлөкөтү сомолонуп, сыртынан алтын же күмүш жалатылган коло тумарлардан, жыгач бедиздерден гана көрүнөт. Жасалган усулу, стили жагынан таштык жана кыргыз петроглифтери бири-бирине жакындашат. Ал эми эки маданияттын тамгаларында ич ара кандай алака бар экени азырынча айкын боло элек.

Ошентип, таштык жана кыргыз маданиятынын комплекстерин салыштырып көргөндө окшоштук белгилер көрүстөн курулуштарынын түзүлүшүндөгү айрым элемент терден, өлүк көмүү адатынын, ыскат буюмдардын кээ бир жактарынан, аска бетиндеги оюм-чийимдердин стилинен гана көрүнөт. Ал эми айырмачылыктар болсо эки маданият таралган бардык аймактардан, эстеликтердин составынан, өлүк көмүү адатынын мүнөзүнөн, аза күтүү ырымдарынан, коомдун социалдык катмарларынан, инвентардык комплекстерден ачык байкалат. Эки маданияттын этнографиялык турпатында да олуттуу өзгөчөлүктөр бар. Мына ушулардын баары кыргыз маданияты таштык маданиятынан келип чыккан деген салтка айланган көз караштын тууралыгынан кезинде А. Н. Липский менен Э.Б. Вадецкаяны күмөнсүнткөн. Албетте, байкалып отурган айырмачылыктар бир жагынан бул эки маданияттын стадиялык мүнөзү эки башка баскычта турганы, кыргыз маданиятына караганда таштык маданияты кыйла обочолуу абалда болгону менен түшүндүрүлөт, мунун тескерисинче, кыргыз маданияты байыркы түрк көчмөндөрү менен кеңири байланышта турган. Каганаттардын тушунда, өзгөчө VIII кылымдын башталышында Минусин ойдуңуна Тонюкуктун, Могиляндын жана Күлтегиндин жортуул жасап, байыркы түрк көчмөндөрүнүн айрым тайпалары көчүрүлүп келген мезгилдерде кыргыздар алардын саясий жана маданий таасирине кабылышкан. Андан кийинки доорлордо уйгурлардын таасири астында жана IX кылымда кыргыздардын өздөрү бүткүл Борбордук Азияга ээлик кылып турганда кыргыз маданиятынын түркий көрөңгүсү ого бетер күч алган.

ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН МАДАНИЙ-ЧАРБАЛЫК УҢГУСУ

Енисейлик кыргыздардын эзелки маданиятынын тарыхый-археологиялык жактан иликтеп-изилдөө иштери адеп башталгандан тартып эле алардын чарбачылыгы менен тиричилиги кандай мүнөздө болгон, аны чарбалык маданияттын кайсы түрүнө кошсо болот деген маселе көпчүлүк эмгектерде айныбай талдоого алынып келатат. XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын башталышында орто кылымдардагы эстеликтер кыргыз маданияты менен болжолдуу түрдө жалгаштырылып, бирок жетерлик негизде сыпатталбай, ошондон улам күмөн-күдүк туудуруп жүргөн кезде кыргыздардын чарбалык иш-аракетин мүнөздөө үчүн адистер тарыхый жазма даректердеги маалыматтарга, этнографиялык байкоолорго таянышкан. Бул маалыматтардын үзүл-кесил мүнөзүнө карабай белгилүү бир илимий тыянакка келүү үчүн алар кадимкидей огожо боло алат.

Минусин ойдуңунда жүргүзүлгөн археологиялык иштеринин жыйынтыгын чыгарып жатып В. Радлов минтип жазган: «Биз бул жерде тукилерди, хакастарды, уйгурларды кытайлар жазып көрсөткөндөй, нукура көчмөн элдин изине туш келген өңдөнөбүз». Коло доорундагы «бейкутчул» уруулардан айырмаланып, кыргыздар – «коңшуларына качырып тийип кол салып, алардын баарын тынчын алып үшүн үркүтүп турган жоокер эл» болгон. В.Радловдун соңунан Д.А. Клеменц: «Кыргыз деген ат менен тарыхтын сахнасына ат жалында ойногон жоокер эл чыкты» – деп ырастаган. Өз учурунда И.П.КузнецовКрасноярский көчмөн малчылыктын табигый-географиялык шарттары менен мүмкүнчүлүгүн мүнөздөп келип, көчмөн кыргыздар: «…Енисей губерниясынан кыйла түштүгүрөөк, балким, Танну-Ола жана Түштүк Алтай тоо кыркаларынын ортосунда жашап турган болуу керек» – деп божомолдогон. Кыргыздардын көчмөндүү мал чарбасы жана такай жер которуп, көчүп-конуп жүргөн жашоо мүнөзү тууралуу революцияга чейинки тарыхнаамада калыптанып калган пикирлер кыргыздарда мал чарбасы менен бирге эле дыйканчылыктын да жышаандары болгонун кабарлаган жазма даректердеги карама-каршылыктуу маалыматтарды этибарга албай, аларды белгилүү өлчөмдө танып келген. Ошондуктан ал маалыматтарды XX кылымдын 20-жылдарында жазылган эмгектерде илимпоздор ар түрдүүчө түшүндүрүшкөн.

Н. Н. Козьмин кызыктуу көз карашты сунуш кылган, ага ылайык, каралып жаткан мезгилде Енисейдеги «түрк урууларынын үч тайпасын: 1) туба (уйгур) – аңчылар, кулкутандар (йыш-кизи), 2) хакас (чындыгы түрктөр) – жарым-жартылай аңчылык, жарым-жартылай дыйканчылык менен турмуш кылгандар жана 3) кыргыз – талаа-түздү байырлаган малчылар – деп бөлүп көрсөтсө болот».

Г.Е. Грумм-Гржимайло маселени башкачараак чечмеледи. Анын пикири боюнча «кыргыздардын жашоосу жарымжартылай отурукташкан мүнөздө болгон, кышында алар кайыңдын кабыгы мекен жабылып, жыгачтан тургузулган көтөрмө үйлөрдө, жайкысын болсо алачыктарда (боз үйлөрдө) жашашкан». Дыйканчылыктын жана жасалма сугаттын кыргыздардын чарбачылыгындагы ролун мүнөздөөдө ал Тувада табылган материалдарга негизденген.

В. В. Бартольд да аталган маселе боюнча кытай жана араб-фарс тилиндеги жазма даректердин маалыматтарын келтирип, өйдөкү пикирге жакын турган.

20-жылдары С. А. Теплухов Минусиндеги археологиялык материалдардын жалпы дүң жыйындысынан кыргыздардын эстеликтерин өзүнчө ажыратып, санжаптап бөлүштүрүп чыкты. Мунун натыйжасында кыргыздардын чарбалык-маданий түпкү уңгусун аныктоодо археологиялык материалдарды пайдаланууга мүмкүндүк ачылды.

Бирок автор өзү бул проблемага кайрылган эмес.

Жазма даректерге жана археологиялык табылгаларга негизденип кыргыздардын чарбалык-маданий уңгусу жөнүндөгү маселени чечүүнүн мындай аракети тажрыйбада биринчи жолу С. В. Киселёвдун, Л. А. Евтюхованын, В.П.Левашованын 30–40-жылдарда жарык көргөн эмгектеринде жасалды. Бул жөн-жайынча болгон кызыгуу эмес эле, андан согуштун алды жагындагы он жылдыкта археологдор активдүү түрдө өздөштүрө баштаган методологиялык жаңы усулдар көрүндү. Аталган авторлордун баары тең өздөрү жүргүзгөн кызуу иштеринин натыйжасында алынган маалыматтарды абдан кеңири пайдаланышты. Алсак, кыргыз доорунда дыйканчылыктын жана кол өнөрчүлүктүн мааниси улам барган сайын жогорулап өсүп отурганын белгилеп, В. П. Левашова кантсе да кыргыз каганатын «көчмөндөрдүн жапан мамлекети» катары мүнөздөдү. Анын соңунан Л. А. Евтюхова кыргыздардын чарбалык иштериндеги ар түрдүү тармактарды атап көрсөтүү менен дыйканчылыктын, кол өнөрчү лүктүн, аңчылыктын таасирин айтып келип, ошол эле учурда «кыргыздардын чарбачылыгында көчмөн малчылык эң маанилүү ролду ойногон» – деп тыянак чыгарды. Буга танык катары ал Тан доорундагы кытай санжырачыларынын маалыматтарын жана археологиялык табылгаларды келтирди. С. В. Киселёв болсо: «Кыргыз доорунда калктын тиричилиги бөтөнчөлүү болгон, андан көчмөн дүктүн мүнөзү айрыкча таасын көрүнгөн» – деп бүтүм жасаган. Автор археологиялык материалдарды талдап, аларды жазма даректердеги маалыматтар менен салыштырып чыккан. Археолог сибирчилердин материалдарын негиз тутуп, А. Н. Бернштам да кыргыз коомун көчмөн коом деп эсептеген.

Мына ошентип, 50-жылдардын орто ченине карата ата мекендик тарыхнаамада белгилүү бир илимий көз караш түптөлгөн, ага ылайык орто кылымдардагы кыргыз маданияты көчмөн малчыларга мүнөздүү маданият катары аныкталган. Ошол эле учурда кыргыз каганатынын аймагында практикаланган чарбалык иштин башка түрлөрүн: дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүктүн, аңчылыктын жана балык улоонун жаңыдан өнүгө баштаган формаларын тактап-талдоо жагына да жетиштүү көңүл бурулган. Бир катар изилдөөчүлөр кыргыздардын ээлигине кирген жерлерди байырлаган ар кайсы этникалык тайпаларга чарбачылыктын өзгөчөлүү формалары мүнөздүү болгондугун көрсөттү. Кыргыздардын өздөрү болсо адаттагыдай эле көчмөн малчылар деп эсептелди. Мындай көз караш кыргыздардын маданий-чарбалык түпкү уңгусу жөнүндөгү маселеге кайрылышкан көпчүлүк изилдөөчүл өрдүн эмгектеринде 60–80-жылдарга чейин өз маанисин сактап келген. Кыргыздардын көчмөн турмушта өмүр кечиришкенин А. О. Грач, Ө. Караев, М. П. Завитухина, Л.П.Потапов, П. Н. Павлов, Г. А. Федоров-Давыдов, С.М.Абрамзон, Н.А.Сердобов ж. б. ай тышкан.

Бирок соңку он жылда жалпы кабыл алынган ушул көз караш менен бирге кыргыз маданияты отурукташкан дыйканчылык мүнөздө болгон имиш деген да пикирлер пайда болду. Ал Л. Р. Кызласовдун эмгектеринде айрыкча кеңири өнүктүрүлдү. 60-жылдардын башында жазгандай, автор адегенде дыйканчылык менен малчылык кыргыздардын ар дайым айкалышкан чарбалык негизги иштеринен болгон деп ырастады. Дыйканчылыктын деңгээли бийик өрүшкө жетишкендигинен улам, Л. Р. Кызласовдун пикири боюнча кыргыздар Борбордук Азиянын жана Сибирдин башка элдеринен айырмаланып турган. Кыргыз калкынын көпчүлүгү дыйканчылык менен күн көрүп, ал эми феодалдык төбөлдөрү «күтүрөгөн төрт түлүгү менен жайыт тандап, жер которуп көчүп-конуп турмуш өткөргөн». Кийинчерээк Л. Р. Кызласов кыргыз калкынын арасынан «төө жана майда мал-жандык күтүүгө ыңгайлашкан карапайым дыйкандардын жарым көчмөн мүнөздөгү чарбачылыгын» бөлүп чыгып, «жер айдап, эгин себүүгө жарабаган боз талааларда жана адырмактуу аймактарда жашашкан» – деп көрсөттү.

Л.Р. Кызласовдун ырастоосуна ылайык, кыргыздар жерди соко менен айдап, өстөндөрдү казып, сугат ишин өздөштүрүшкөн, дыйкандар «кыштак-кыштак болуп» жашашкан. Малчылыкта болсо «…бадачылар иштеген мал короолордо колдо багылган», бул «ал турсун кай бир учурларда интенсивдүү деңгээлге жеткен». Ырас, мындан тышкары «карапайым дыйкандардын жарым көчмөндүү чарбасы да болгон», ал эми тоо-токойлуу жерлерде аңчылардын жана балыкчылардын алман уруулары жашап турушкан. Автор кала берсе Енисейде «сатыкка эгин чыгарган товардык өндүрүш болгон» деп божомол кылат жана муну «мамлекеттин монополиясы» катары түшүндүрүшөт, анткени «жер мамлекеттик жана жеке менчик түрүндө пайдаланылган».

Л. П. Гумилёв менен Д. Г. Савинов да кыргыздарды отурукташкан дыйкан эл катары аташат. Кыргыздардын Борбордук Азиядан Енисейге «келиши» жана кыргыз мамлекетинин улуу державалык доору кыска мөөнөткө созулганын авторлор, атап айтканда, дал ушуну менен түшүндүрүшөт, анткени дыйкан кыргыздар «Борбордук Азиянын талаа-түздөрүндө жана бөксө тоолорунда экономикалык базага ээ болгон эмес».

Кыргыздардын негизги чарбалык иштеринен кабар берген эзелки жазма даректер көп жана ар түрдүү. Айрыкча кыргыздардын мал чарбачылыгы жайында маалыматтар абдан кеңири айтылат. Мисалы, Тан доорундагы жылнаамаларда кыргыздардын «жылкылары эттүү жана албеттүү, алардын мыктылары жер чапчып, ыргыштап турат. Төөлөрү менен уйлары бар, бирок эң мүрөлү уй менен кой. Байкер дыйкандар бир нече миңден мал кармашат» деп айтылат. Кыргыздар «эт жеп, бээнин сүтүн ичишет, алардын өлкөсү сууга жана жайытка бай». Бул маалыматтардын тууралыгын мусулман санжырачылары да ырасташат: кыргыздардын арабасы, койлору, уйлары менен жылкылары алардын (негизги) ыкыбалы болуп саналат. Алар булгундуу жерлерди, тулаңдуу (мээлүүн) төрлөрдү жана шалбааларды (издеп) көчүп-конуп жүрүшөт». Кыргыздар Тан империясынын сарайына айыр башташ үчүн маал-маал жылкыларды айдап келип турушкандыктан, алар тууралуу санжырачылар кеңири маалымат жазып калтырышкан, атап айтканда, кыргыз жылкычыларынын казанаттуу касиетин, асыл тукумдуулугун бийик баалап, жылнаамачылар аларды: «Лун-ю элине татыктуу сай күлүктөр» – деп аташкан. Айрым изилдөө чүлөр кытай жазма даректериндеги ушундай маалыматтарга таянып, кыргыздар жылкылардын ар түрдүү тукумдарын асырашса керек деп божомолдошот. Дегинкиси кыргыздар асырашкан мал-жандыктар төгүн жерден талоончул жортуулдардын башкы олжосу болбосо керек. Мисалы, уйгур каганы Кутлуг 795-жылы кыргыздардын жерине кол салып, талап алганда колго түшкөн олжолордун ичинде «уйлар, койлор жер жайнап, эгин жана курал-жарак тоодой болуп үйүлгөнү» айтылат. Ал эми кыргыздардын өздөрүнө таандык руникалык сагана жазууларда алардын күтүрөгөн төрт түлүгү жайында «менин алты миң жылкым», «эн салынган мал эсеп жеткис эле», «менин адеми артык үртүгүм, төрт миң менин жылкым» деген өңдүү сөздөр көп кезигет. Уйгурлардын жергесинде Яглакар ханды өлтүргөн Бойла-Буюрук сыймыктанып мындай дейт: «Мен бай элем. Мал кармап турган он ко роом бар болчу. Менин малым эсеп жеткис көп эле». Мындан азыраак, 60, 600, 1000 жылкы кармаган малчылар болгон».

Малчылык кыргыздардын чарбасында маанилүү орунда турганын археологиялык табылгалар да ырастайт. Кыргыздардын Кичи Копен кентинен табылган материалдарды талдап көргөндө майда мал-жандыктардын сөөктөрү басымдуулук (50дөн 60 процентке чейин) кылган. Ушул эле жылкынын да (25 жана 18 процентке жакын) сөөктөрү чыккан. Буга карап калктын мал багып көчмөн турмуш менен күн өткөргөнүн ишенимдүү түрдө айтууга болот. Мүрзөгө койдун куймулчак, кабырга этин, шыйрак коюу кыргыздардын адаты болгон. Андай «устукандардын» саны кээде жетиден онго чейин жеткен. Ал тургай балдардын бейиттерине да төрттөн жетиге чейин «устукан» коюшкан. Кыргыздардын жер которуп, такай көчүп-конуп жүргөн турмушун азар-түмөн төрт тулүктүн саны гана турсун, алардын конуштаган жерлери, үйлөрүнүн түзүлүш-түспөлү да маалымдап турат.

1948-жылы эле Л. А. Евтюхова адилетүү белгилегендей, мал баккан кыргыз калкынын көпчүлүгү көчмөн турмушта жашагандыктан алар конуш кылган жатак-жайлардын орду өтө эле аз табылат, андыктан андан кентт ердин изин иликтөө кыйын. Андан бери кыргыздардын байыркы тарыхы жагында көп сандаган изилдөөлөр жүргүзүлдү, бирок абал жакшырып кеткен жок. Себеби иликтенген конуш-жайлардын көбү убактылуу; сезондуу мүнөздөгү кенттерге кирет. Алар негизинен, малчы кыргыздардын жайкы жана кышкы конуштары гана болуп саналат. Андай жерлерден узак мезгилге эсептелген кандайдыр бир курулуштардын же туруктуу турак жайлардын орду байкалбайт. Убактылуу мындай конуштарда металл эритүү, андан буюм-тайымдарды, үй-тиричилигинин башка эмеректерин жасоо кол өнөрчүлүк мүнөздө, натуралдык чарбанын чектеринде жүргүзүлгөн. Ушундан улам темир эритилген очокторду, көөрүктөрдү «орто кылымдардагы заводдор» деп атаганга жана ага негизденип товардык өндүрүш болгон деп божомол жасаганга жетерлик жүйө жок. Кыргыз доорундагы сепилдерди жана коргонуу курулуштарын изилдеп көргөндө алардын ордуна кубаттуу маданий катмар же кандайдыр бир башка имараттар болбогондугу аныкталды. Демек, аларды согуш коркунучу туулганда жакын турган жака-белден көчмөн калк мал-жаны менен жыйылып келип, жашынып турар коңул гана болгон деп эсептөө абзел. Анан калса сепилдердин айрымдары узак убакытка чейин коргонуш үчүн таптакыр ылайыксыз, калыбы алар убактылуу гана баш корголоо максатында тургузулса керек. Улуу державалык доордун тушунда кыргыз кагандары, балким, башка көчмөн мамлекеттерди туурап, шаар куруу ишин жандандырууга аракет кылышкан чыгар, анын үстүнө минтип айтууга жазма даректердеги маалыматтар, ошондой эле Уйбаттагы сокмо дубалдуу «сепилдин» табылгалары жүйө бере алат. Бирок бул «сепилдин» качан тургузулгандыгы жана ал кандай кызмат аткарганы тууралуу изилдөө жумуштарынын тыянагын чыгарган материалдар толук жарыялангандан кийин гана бир жаңсыл кеп айтууга болот.

Кийиз менен жабылган боз үйлөр кыргыздардын негизги башмаанеги болгон. «Алар боз үйлөрдө жана чатырларда жашашат» – деп маалымдайт Худуд ал-Алан. Аны Синь Таншу да тастыктайт: «Ажонун турган жайы Кара тоодо. Анын өргөөсү мамылар менен курчалган. Кийиз жабылган, бир канча каанадан куралган мындай үйдү ‹Миднчжи» деп коюшат. Калган башчылар андан чакан үйлөрдө турушат». Бул баянга караганда, кыргыз каганынын мусулман жазма даректеринде Кемжинет деп аталган конуш-жайын шаар катары көз алдыга элестетүү кыйын. Андан көрө муну жасактуу кошун ордосу деп айтуу туура болчудай. Ал эми калган караламан кыргыздар жайына келсек, алардын «албетте, кыштагы да, шаар ы да жок, алар баары чатырларда турушат». Баса, чатырлар руникалык тексттерде да эскертилет. Кышкыга жыгач үйлөрдү тургузушуп, үстүнө «кайыңдын кабыгын» төшөп жабышкан. Автор Л. Р. Кызласовдун «жер айдаган дыйкандар кыштак-кыштак болуп жашашкан» деген бүтүмү менен макул болуу кыйын.

Кыргыздар көчмөн малчылардын маданий-чарбалык түрүнө кирерин кала берсе алардын материалдык маданиятынын турпатына карап да боолголоого болот. Алар Борбордук Азиянын көчмөндөрүнө, атап айтканда, байыр кы түрктөр менен кымактарга мүнөздүү маданияттарга көп жагынан окшош келишет. Ошондуктан бардык адистер, анын ичинде Л. Р. Кызласовдун өзү да кыргыздардын археологиялык комплекстерин мүнөздөө аларды Азия нын талаалуу аймактарындагы эстеликтерге салыштырышып, такай ошолорго түспөлдөштүрүшөт. Материалдык, ошондой эле рухий маданияттын мындай өңдөш түгү, өзөк төштүгү, албетте, ар түрдүү экономикалык базанын шартында мүмкүн болбос эле.

Дыйканчылык кылууга ыңгайлуу мүмкүндүктөр жок болгондон улам кыргыздар Монголияны таштап кетүүгө аргасыз болушкан деген жоромол кептин да кабыл аларлык жүйөсү жок, анткени кыргыздар басып киргенге чейин эле бул жерде уйгурлар зыраатчылык кылышкан. Тескерисинче, кыргыздар кол салып кирип, Орду-Балыкты жана ага жамаатташ аймактардын таш-талканын чыгарган соң, бул жердеги дыйканчылык ишинин өрүшү тарыган.

Кыргыздардын сырткы саясий иштери аталган аймактагы бардык көчмөн мамлекеттерге мүнөздүү келген жөрөлгөлөргө ылайык жүргүзүлгөн. Борбордук Азияны басып алган соң алар Тан империясы менен алым-салым мамиледе болушкан. «Улуу Жибек жолуна» ээлик кылыш үчүн Чыгыш Түркстанды кол алдында кармап турушкан.

Мына ушул айтылгандардын баары кыргыздардын мал баккан көчмөн эл болгон деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. XVII кылымда Енисейге орустар келген кезде да алар ушундай абалда болушкан. Кийин XVIII кылымдын башталышында кыргыздар Жунгарияга ооп кетишет да, орус тар отурукташып, жер айдап, дыйканчылык жандана баштайт. Мал баккан көчмөн элдин маданий-чарбалык уңгусу Ортоңку Енисейде дал мына ушинтип, акырындап отуруп жоюла баштаган.

Ошол эле учурда кыргыздардын ээлигине кирген жерлерде чарбалык иштин башка түрлөрүн жүргүзүшкөн уруулар жашаган. Атап айтканда, жазма даректерде дыйканчылыктын эң жөнөкөй формалары жайында ар түрд үүчө айтылган маалыматтар кезигет. Илимий адабияттарда бул маалыматтар кээде негизсиз эле андан-мындан табыла калган сейрек учурай турган археологиялык материалдарга, мисалы, жер иштетүүчү шаймандарга жалгаштырылат да, мунун негизинде кыргыздар «өстөндөрдү казып, сугат ишин өркүндөтүшкөн», ошондон улам «дыйканчылыктын жайкын өрүшүнө жетишкен» деп бүтүм чыгара салынат. Кунт коюп териштире келгенде жазма даректер мындай тыянактар үчүн жүйө бербейт. Бир кызык жери бөтөн элдик санжырачылар кыргыздардын дыйканчылык иштери тууралуу кең-кесири кеп салышканы менен руникалык жазууларда андай маалыматтар өтө эле сейрек учурайт. Ушундан улам Л. Р. Кызласовдун «Мекен» маанисинде айтылган «Йер Суу» деген сөз айкашын дыйканчылык тууралуу кабарлаган маалымат катары түшүндүрүп отурганы орунсуз эле иштей көрүнөт. Өзүн түрколог деп эсептеген изилдөөчү «мекен» жана «менин ээлигимдеги жер» деген түшүнүктөрдүн айырмасын так билгени абзел го. Анан калса кыргыздар жайын маалымдаган чыгыш санжырачылары дыйканчылык, аңчылык жөнүндө жазышканда жылнаамаларга кыргыздар тууралуу гана эмес, кыргыз кыштымдары тууралуу да кабарларды кошо кийиргенин эске алуу керек. Белгилүү эмеспи, Енисейде дыйканчылыктын эң жөнөкөй түрлөрү орус тар келгенче эле жана алардын тушунда деле Минусин ойдуңунун чет жакаларында жашашкан кыштымдарда сакталып калган. Көчмөн коомдун өзүндө болсо седентаризациялык процесстердин натыйжасында калктын жакыр-бакыр жамааты мал-мүлкүнөн ажырап, көчмөн чарбасынан сүрүлуп чыгып турган да, отурукташып жер иштетүүгө (өткөн). Бирок дале болсо көчмөн коомдун ийкемдүү мүнөзү, тез-тез болуп турган уруш-талаштар андай жакырларга оңтою келе калганда кайрадан мал күтүп, көнүмүш көчмөн турмушка өтүү үчүн шарт түзүп турган. Андыктан дыйканчылык кыргыздарда жүздөгөн жылдар бою жашап келгенине карабастан артына узак мезгилдерге чейин сакталар олуттуу из калтыра албагандыгын дал ушундай себептер менен түшүндүрүү туура болор.

К. Уран-Кехальманын пикири боюнча көчмөн дөрдүн мамлекети адатта мал багып, көчүп-конуп жүргөн тайваларды баш коштуруп, көмөкчү жер чарбасын жана мээнети күч аңчылык ишти экономикалык бир организмге бириктирип, негизинен, талаа-түздөр менен чер-токойлор тогошкон аймактарда түптөлүп түзүлөт. Көчмөндөрдүн шаркети жаңыдан барпаа боло баштаганда мындай аймактар үчүн маданий катмарга ээ болбогон, тек гана «кампа же согуштук калаба-жаңжалдардын маалында жашынып, коргоно турган жай катары кызмат аткарган чакан сепилдер» мүнөздүү көрүнүш болуп саналат. Мындай кырдаал кыргыздардын тарыхында чаатас доорунда болгон: мамлекеттин уюткусу жаңыдан түптөлүп, коргонуучу сепилдер салынып, малчылык үстөм абалга жетип, жакырданган кыргыздар менен кыштымдар жер иштетип, эгин айдап оокат кылышкан. Улуу державалык доордо абал өзгөрдү. Кыргыз кагандары башка көчмөндөрдүн үлгүсүн үйрөнүп, алык-салыктарды арбын алыш үчүн дыйканчылыктын чектерин кеңейтүү максатында коңшулаш же алыскы өлкөлөрдөн жер иштетүүчү шаймандарды алдырышса керек. Бирок андай аракеттер оңунан чыккан эмес. Андан соң кыргыздар дээрлик XVIII кылымга дейре өздөрүнүн көнүмүш чарбалык маданиятын айныбай сактап келишкен. Жасалма сугат иштеринин издерине иликтөө салып, В.Н.Федоров орто кылымдарда Минусин ойдуңунда жашаган көчмөн жана жарым көчмөндүү калктын экономикасында дыйканчылык, мал чарбачылыгы же аңчылык сыяктуу эч качан чоң мааниге ээ болгон эмес деген тыянакка келген. Сугат өстөндөрү, анын айтымында, жайыттарга ным берүү жана төрт түлүктү сугаруу үчүн курулган. Ал турсун XVIII кылымда кыргыздар Енисейден кетип, Минусин аймагы Россиянын карамагына өткөндөн кийин деле жергиликтүү тургун калктын чейрек бөлүгүнө жакыны гана дыйканчылык кы лышкан.

Көчмөн кыргыздардын чарбалык турмушунда аңчылык маанилүү ролду ойногон. Бул тууралуу жазма даректерде айтылат жана тоо-ташка чегилген сүрөттөрдө баяндалат. Жапайы жандыктарга ат коюп, тайган салып, жаа тартып, жебе менен атып мергенчилик кылышкан.

Чер токойлуу аймактарды байырлаган кыштымдар болсо, негизинен, териси баалуу айбандарга аңчылык кылып, кыргыздарга «суур жана кундуз» жөнөтүп, салык төлөп турушкан. Баалуу терилер жыпар, рогон хуту (бугунун мүйүзү) жана жылкы сыяктуу эле экспорттун маанилүү предмети болгон. Соода-сатык иштеринин, талоон ч ул согуштардын аркасында чет жактардан кыргыздарга асемдүү курал-жарактар, адеми идиштер, кездеме-тукабалар, тыйындар, башка жасалгалар түшүп турган. Кыргыздарга согдиялык көпөстөр кире тартып келишкен. Жазма даректердеги маалыматтарга караганда 20–25 төөдөн турган кербендер Енисейге эки айлык жол басып, үч жылда бир келип турган. Тан империясы менен да кыргыздар сейрек соода-сатык кылышкан. Кыргыздар Борбордук Азияны басып алышкандан кийин гана дыйканчылык өнүккөн өлкөлөр менен алыш-бериш мамилелер бир кыйла жанданган. Енисейден табылган чет жерлик буюмдардын көпчүлүгү дал ушул мезгилге туура келгени кокусунан эмес. Кыргыз каганатынын чектеринде бул мезгилде Ыраакы Чыгыштын тыйындары казына катары колдонулган деген пикирлер бар, муну айрым тыйындарга руникалык алфавит менен чегеленип түшүрүлгөн жазуулар да ырастап тургансыйт.

Мына ошентип, жазма даректердеги маалыматтарды жана археологиялык материалдарды талдап, талкуулап чыккан соң кыргыздарды кылчактабай туруп эле көчмөн малчылардын маданий-чарбалык түрүнө кошууга болот. Кыргыз мамлекетинин территориясында көчмөн малчылар менен тыгыз экономикалык байланышта турган чарбалык маданияттын башка да түрлөрү болгон.

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯСЫ

Енисей кыргыздарына таандык эстеликтерди түркүмдөргө ажыратып жатып С. А. Теплоухов биздин замандын I миң жылдыгынын экинчи жарымынан тартып, II миң жылдыктын башталышына чейинки көрүстөндөрдүн тайпасын бөлүп көрсөткөн болчу. Атап айтканда, V–VI кылымдарга таандык «таш дөбөлөр» – чаатастар менен бирге VII кылымга тиешелүү «жалпак таш дөбөлөр» жана «VIII–X кылымдардагы таш дөбөлөр» атап көрсөтүлгөн. Булардын биринчисинде көрүстөнгө жылкы кошо көмүлсө, экинчисинде ал бирде жолукса, бирде жолукпайт. Ар түрдүү торевтикалык предметтер, согдиялыктардан оошуп өткөн «орхон жазуусунун» алфавити, таштан чегилген буюмдар дал ушул мезгилдерге туура келет деп аныкталган. Жалгыздап өлүк көмүлгөн жалпак мүрзөлөрдү ал XI–XII, ал эми топурак бейиттерди XIII–XIV кылымдарга тогоштурган. Алардын эволюциясы жайында С. А. Теплоухов түздөн-түз эч нерсе айткан эмес, бирок хронология лык бул тайпаларды белгилүү тарыхый окуялар менен байланыштырып, жергиликтүү маданият сырткы таасирлерге туш болгонун көрсөткөн. Мындай деп айтуу менен ал «VII кылымда кыргыздарды түрктөрдүн каратып алышын», кытай менен болгон карым-катнаштарды, VIII кылымда уйгурлардын басып киришин, анан IX–X кылымдарда кыргыздардын Борбордук Азияга ээлик кылышын эске алган. Автордун айткан ойлоруна, алардын аңытына караганда, ушул окуялар кыргыз маданиятынын VII–X кылымдарда өзгөрүүлөргө учурашына себепчи болгон.

Кийинчерээк кыргыздардын байыркы эстеликтерин санжаптап, кайра иретке келтирип чыгуу үчүн бул ишке Л. А. Евтюхова киришкен. Ал орто кылымдардагы көрүстөндөрдүн төрт түрүн бөлүп көрсөткөн да, чаатастар менен өлүк өрттөлүп көмүлгөн чакан таш дөбөлөрд ү – VII–VIII, өлүк өрттөлүп же өрттөлбөй сулк көмүлгөн «узун кууш мүрзөлөрдү» – VIII–IX, өлүккө кошо жылкы көмүлгөн көрүстөндөрдү – IX кылымга таандык кылган. Л.А.Евтюхованын божомолунда IX кылымда кыргыздардын өлүк көмүү салты өзгөрүп, кремациядан ингумацияга өтүшкөн. Көрүстөндөрдүн белгиленген бардык ушул түрлөрүндө жолукчу буюм турмандарды ал хронологиялык жактан иреттеп чыккан эмес, анткени андай предметтер бирде VII–VIII кылымдарга мүнөздүү буюм-тай ымдарга кирсе, бирде IX–X кылымдардагы «жаңы формаларга» тийиштүү болуп турат. С. В. Киселев болсо чаатастар менен «караламан калк» бейиттери VI–VIII кылымдарга, ал эми жылкы коштоп көмүлгөн көрүстөндөр менен «өлүк өрттөөнүн архаикалык ырым-жырымы боюнча» коюлган байкерилердин бейиттери IX–X кылымдарга туура келет деп эсептеген. Алардагы буюм турмандар жалпы жонунан гана мүнөздөлгөн, бирок айрым бир учурларда автор VI–VIII кылымдардагы үч кырдуу жебелерди анын ою боюнча IX–X кылымдарда жасалган жалпак жебелерге, торевтикадагы «копендик стилди» кийинки «тюхтят» стилине карама-каршы коёт. Экинчи бир изилдөөчүлөр, мисалы 20–30-жылдары Енисейде иш жүргүзгөн В. Гарцов менен В. П. Левашова орто кылым мезгилинен кандайдыр бир хронологиялык этаптарды бөлүп көрсөтүшпөстөн, бул материалдарды жалпы жонунан гана баяндап жазышкан. Кийинчерээк В. П. Левашова «кыргыз-хакастар» IX кылымда жылкы кошуп өлүк көмүү салтына өтүшкөн деген көз карашты колдоп чыккан.

Кыргыз маданиятынын эволюциясы жайындагы көз караштарда 50–60-жылдары олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Буга Тувадагы кыргыз эстеликтерин казып изилдөөнүн натыйжасында алынган маалыматтар түрткү болду. Минусин ойдуңунан да айрым жаңы даректер табылды. Ушуга байланыштуу Л. Р. Кызласов чаатастардын «датасын X кылымга чейин узартып, кайра тактап чыгуу ну сунуш кылды. Тувада табылган материалдарга таянып, эл кыргыз маданиятын эки мезгилге: IX–X жана XI–ХII кылымдарга бөлүштүрдү. XI–XII кылымдардагы эстеликтердин кыргыздарга таандык экени адегенде шектенүүнү туудурду, бирок бир топ адистер, анын ичинде Е.Й.Вайнштейн, А. Д. Грач, Д. Г. Савинов ж. б. Тувадагы көрүстөн дөбөлөрдү кыргыздарга ыйгарган көз карашты колдоп чыгышты. Акыркы автор буга кошумчалап XI– XII кылымдардагы кыргыз маданиятынан эки мезгилди: «минусин» жана «тува» доорун ажырымдоо керек деген оюн билдирди.

70-жылдардын экинчи жарымында – Р. Л. Кызласов кыргыздардын байыркы тарыхын өз алдынча турган, бирок бири-бирине куйрук улаш өнүккөн үч маданиятка: чаатас (V–IX к.к.,)., тюхтят (IX–X к.к. жарымы), аскиз (X–XIV к.к.) маданиятына бөлүүнү сунуш кылды. Көрүнүп тургандай, аталган «маданияттардын хронологиясы баштагы көз караштарга караганда эч кандай ыспат-тамасыз эле бир кыйла өзгөртүүгө учураган. Ага карабастан бул сунушту Л. Р. Кызласов активдүү колдоого алып, X–XII кылымдардагы эстеликтерди аскиз маданиятынын «малинов» этабы, ал эми XIII–XIV кылымдарга таандык эстеликтерди болсо «камен» этабы деп атоо тууралуу таклип киргизди. Андан соң «малинов» этабынын өзү үч мезгилге: эйлигхем, оглахтип жана чернов деп аталган мезгилдерге бөлүштүрүлдү. Анан калса малинов этабынын чектери XIII кылымдын башталышына сүрүлүп ташталды.

80-жылдардын башталышында Л. Р. Кызласов кыргыздардын байыркы тарыхын хронологиялык жактан бы тыратып, келки-келки кылып майдалоону кайрадан улантты, атап айтканда, чаатас маданиятын утин (VI–VII к. к.) жана копен (VIII к.) доору деп эки этапка ажырымдады. Бир катар изилдөөчүлөр кыргыздардын байыркы тарыхын эки маданиятка ажыраткан Л. Р. Кызласовдун баштапкы схемасын туура табышып, ага өздөрүнүн варианттарын кошумчалашты. Мисалы, Я. И. Сунчугашев кыргыздардын эстеликтерин VI–IX жана VIII–XII кылымдарга ажыратып бөлүп чыкты. М. П. Грязнов болсо чаатас (V–IX к.к.) жана «аскиз» (X–XII к.к.) маданияттарын «кыргыз доорунун» чектеринде бириктирип чыгууну сунуш кылды. Г. В. Длужневская кыргыздардын тувадагы эстеликтери (X к.) «аскиз» маданиятына оошуп өтөт деп божомол жасады. Бир аз жүрө түшүп ал Тувадагы кыргыз маданиятын бир нече майда түркүмгө бөлүш түрүп, алардын ар бири үчүн өзүнчө мезгилди сунуш кылды. Анын көз карашы боюнча, «тюхтят асеминдеги» коло торевтикасы менен X–XI кылымдардагы «аскиз тейиндеги» темир торевтикасы Тувада жанаша жашап турган да, кыргыздардын ар түрдүү тайпаларына таандык болгон, анын үстүнө «тюхтят асеми» Саян-Алтай калкына кидандардан оошуп өткөн. Мындан тышкары Г.В.Длужневская енисейлик кыргыздардын археологиялык маданияттарынын аталыш наамдарын тактоого арналган атайын эмгек жазгандыгын айта кетүү керек. Анда мезгилдештирүү маселесин автор кыргыздардын Минусин ойдуңундагы көрүстөн эстеликтерин изилдөөнүн натыйжасында алынган маалыматтарга таянып карап чыккан. Булардан башка кыргыздардын Монголияга, Байкалдын тарабына, Батыш Сибирге чейин жеткен издери иликтенип, ал тууралуу маалыматтар атайын талдоого алынган. Мына ошентип, акырында хронологиялык чектерди, аларды мезгилдерге ажыратуу маселелерин, кыргыздардын маданий тегин, маданий-чарбалык уңгусун аныктап, алардын баарын бир жаңсыл кылып тактап алуунун зарылдыгы келип чыкты. Бул үчүн изилдөөнүн объектиси катары Минусин ойдуңунун түштүгүндөгү Табат дарыясынын бир өрөөнү тандалып алынды, анткени бул жерде кыргыздардын эстеликтери ачык мейкин үстүндө, бирине бири жакын, жыш жайгашкан.

Кылдат иликтенип, кылчыпкадан өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары кыргыздардын байыркы маданий тарыхын өз-өзүнчө турган, обочолонгон майда-барат маданияттарга ажырымдоолук алгылыксыздыгын далилдедик, бир нече он жылдыктарга чейин жеткирилип, «такталган» хронологиянын жарамсыздыгын көрсөттү. Кыргыз жана таштык маданияттарынын материалдары аларды полихром стилинде жасалган торевтикалык предметтерге негизденген чыгыш европалык байыркы дүйнөнүн тараза ташы менен өлчөп-ченеп, убактысын, мезгилин аныктоо үчүн таптакыр негиз бербейт. Енисейде андай буюмдар жок, болгону жападан жалгыз Знаменскийдеги көрүстөн казынасынан табылган предметтер гана ага анча-мынча үндөшөт, бирок анын маданий тек-жааты азырынча ачык тактала элек. Кыргыз маданиятына тиешелүү көптөгөн комплекстердин абсолюттук датировкасы аналогияларга негизденет жана тарыхый белгилүү окуялар менен тамырлаш. Мисалы, руникалык жазуулар түшү рүлгөн предметтердин мезгилин бир кыйла ишенимдүү деп айтууга болот, анткени бул жазууну Енисейге VIII кылымдын башталышында түрктөр алып келиши ыктымал. Ошондой эле IX кылымда кыргыздардын таш дөбөлөрү Тувага тарай баштаган мезгилди Саян-Алтайдын байыркы ошол тарыхы үчүн маанилүү хронологиялык чек катары эсептөө абзел. Комплекстердин белгилүү бир бөлүгүн монгол доору менен даталоо жалпы кабыл алынган пикирге жатат, анткени алардын составынан кат түрүндөгү монгол жазуусу түшүрүлгөн буюм-турмандар табылган. Айрым кыргыз комплекстеринде ар кайсы сулалелердин тушунда Ыраакы Чыгышта колдонулган тыйындар жолугат. Мына ошондуктан кыргыздардын байыркы дооруна карата азыр колдонулуп жүргөн мезгилдештирүү усулун кыргыз маданиятынын эволюциясындагы урунттуу учурларды аныктоо үчүн да толук өлчөмдө колдонсок болот. Бирок анын да бир бөксөлүк жагы бар, б. а., соңку орто кылым мезгили жөнүндөгү керектүү маалымат-даректердин жоктугу мезгилдештирүүнүн аталган усулундагы олуттуу кенемте бойдон калууда, андай маалыматтарды иликтеп-изилдөөдөн азырынча жарытылуу майнап чыга элек. Бул болсо XVIII кылымдын башталышында кыргыз маданияты Минусин ойдуңунан сүрүлүп чыккан мезгилге чейинки анын эволюциясына байкоо салып, аңтарып чыгуунун мүмкүнчүлүгүн чектейт. Андыктан, айла канча кыргыз маданиятында болуп өткөн өзгөрүүлөрдү талдоого алуу менен, бул жолу да эртеги жана өнүккөн орто кылым мезгили менен, б. а., биздин замандын VI кылымынан XIV кылымына чейинки аралык менен гана чектелүүгө туура келет.

Каралып жаткан мезгил аралыгында кыргыз мадания ты ички жана тышкы себептердин таасири астында бир канча жолу өзүнүн тей-турпатын олуттуу түрдө өзгөртүүгө учурап турган. Андай өзгөрүүлөрдүн ар бири хронология лык жактан белгилүү бир мезгил тилкесине дал келип, ошол маал үчүн алда канча мүнөздүү келген эстеликтердин түрүнө жараша же болбосо кыргыздардын материалдык маданиятынын турпатына изин калтырып, эн тамгасын түшүргөн бир кыйла маанилүү тарыхый окуяларга ылайык энчилүү ат алган.

Ошондой бурулуш учурлардын бири – чаатас доору. Ал б. з. VI–VIII кылымдарына таандык эстеликтердин мүнөздүү жалпы белгилерине ылайык ушундайча аталат, Чаатас доорундагы кыргыз маданияты көп түрдүү жана бараандуу маданий элементтер менен сыпатталат. Алардын ичинен көбүрөөк изилденип, жетерлик түрдө иликтенгени – чаатас деп аталган көрүстөн эстеликтери болуп саналат. Түзүлүшү жагынан татаал ташурбаттардан, анчалык чоң эмес «жөнөкөй таш корумдардан, топурак бейи ттерден, символикалуу саганалардан – кенотафтардан турган бул эстеликтер VI–VIII кылымдардагы кыргыз маданиятынын чектерин бир чөлкөмгө бириктирип, Саян бөксө тоосунан тарта Чулым дарыясынын башатына че йин бүткүл Минусин ойдуңунун аймактарына таралган.

Чаатас дөбөлөрү XVIII кылымда эле окумуштуулардын назарын бурган. Бул көрүстөн объекттери чарчы, тик бурчтук түрүндө, кыры чыгарылып, тегерете таш плиталар менен кынапталып тургузулган. Дубалдын сырткы бетинен анчалык алыс эмес аралыкта тигинен ноолу тосундар орнотулган. Тагар доорундагы ноолу тосундардан айырмаланып, алар дубалга бириктирилген эмес, ошондуктан мезгил арыган сайын ар кайсы жакты карап, кыйшайып оой берген. Бул болсо кыргыз көрүстөндөрүнө өзгөчөлүү түр берип, ошого жараша жергиликтүү калк аларды «чаа-тас», «ооба», «кёзе» деп атап калган. Ал мезгилдеги көпчүлүк көрүстөндөрдүн энчилүү аттары да болгон. «Чаа-тас», «оба лых-биль», «кеп-обалар», «кен-кёз», кёзелиг-хол» ж. б. Таш турбаттардын чен-өлчөмү ар түрдүү келет, урандылардын кырдалган төрткүлдөрү диаметри боюнча алганда 5тен 40 метрге чейин жетет, бийиктиги болсо 0,3–1,3 метрге чамалап барат. Дубалдын ичине тегерек, чарчы жана тик бурчтук формасында көр казылып, анын үстү таш плиталар менен жабылган. Ар бир таш турбатта бирден, кээде экиден кабыр болгон. Кабырдын капшыттарын жыгач мамылар менен кыдырата кынаптап тосуп, үстүн тосундап жаап, аны кабырдын ортосуна кагылган түркүк менен тиретип коюшкан. Өлгөн адамдын өрттөлгөн сөөктөрүн чогултуп, ага кошуп койдун 4төн 17ге чейин устукан этин, суюк оокат куюлган идиштерди кабырдын түпкүрүнө коюшкан. Маркумдардын жасат күлү идиштерге, жыгач кутуларга, кездемеден же териден тигилген калталарга салынып көмүлгөн. Айрым көрүстөндөрдө кабырлардан четирээк жерлерге жана корумдалган төрткүлдөрдүн түбүнө казанактар оюлуп, аларга баалуу буюмдар, адеми идиштер, ат жабдыктар, курал-жарактар, кооздук жасалгалар катылган. Жүгөндүн ооздугу, таралга, күрөк, соко тиш, балка ж. б. у. с. металл буюмдар түз эле корумдалган төрткүлдөрдөн жолугат.

Чаатастардын баары эле ыскат казынасы, түзүлүшү жана көлөмү жагынан бирдей эмес, алардын арасында «жардылары» бар, башка жактарынан да бири-биринен айырмаланып турушат! Бирок эреже катары, алардын баары кыргыз коомунун ак сөөктөр жамаатына, «уруу билермандарына», айтор, социалдык жогорку тектин өкүлдөрүнө тиешелүү болгон деп эсептелинип, ошолорго телинип жүрөт. Анын үстүнө мезгили боюнча бир доорго кирген көрүстөн эстеликтеринин арасынан алар көп сандаган башка жөнөкөй бейиттерге караганда аз санда кезигет.

Өлүктү өрттөп көмгөн андай жөнөкөй мүрзөлөр анчалык чоң эмес, тегерек формасында тургузулган, диаметри 1–6 метрге, бийиктиги 0,1–0,5 метрге жеткен таш дөбөлөрдүн төрткүлдөрүнөн, чаатастардын корумдарынан жана топурак үйүлгөн кабырлардан табылат. Маркумдардын жасаат күлүн керамикалык идиштерге, кайыңдын кабыгынан жасалган кутуларга, жыгач жана таш жашиктерге, кездемеден тигилген калталарга салып көмүшкөн. Айрым бир мүрзөлөрдүн ички дубалдары жыгач мамылар менен кынапталып, чанда бирөөлөрүнүкү болсо таш плиталар менен тосулган. Негизинен, аларда өрттөлгөн сөөктөрдүн бирден, экиден гана чогундусу чыгат. Ыскат үчүн коюлган буюм-турмандары, койдун эти жана идишаяктар көп учурда жолукпайт.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү кыргыздар жаш курагына жараша ар түрдүүчө кылып, бирок баарын ингумация адаты боюнча көмүшкөн. Алар чакан дөбөлөрдүн, чаатастардын кырдалган корумдарынын алдына, топурак бейиттерге коюлган. Өлүктү көрдүн ортосуна жаткырып, үстүн плиталар менен жабышкан, үч жашка чейинкилерди ыскатсыз же кээде 1–2 идиш-аяк кошуп көмүшсө, андан жогорку 15 жашка чейинкилерди 2 идиш жана койдун эти менен коштоп көмүшкөн. Эгер кыргыздардын өлүк көмүү ырасымында жаш куракка байланышкан айырмачылыктар кыйла эле ачык байкалса, ал эми аял менен эркектерге келгенде андайды ажыратып, айра таануу кыйын. Кээде кыргыз көрүстөндөрүнүн чөлкөмүнөн жылкынын баш сөөгүнөн бөлөк эч кандай табыт коюлбаган дөбөлөр жана жалпак корумдар учурайт. Буларды болжол менен символикалык көрүстөндөргө кенотафтарга кошууга болот.

Чаатас доорундагы эстеликтердин дагы бир түрүнө кенттер кирет, алар жетерлик түрдө изилдене элек. Азыркы учурда белгилүү болгон кенттердин көбү төрткүл дөбө түрүндө кезигет. Адистер аны малчылардын убактылуу отурукташкан жайкы жана кышкы конуштары болсо керек деп болжолдошот. Кенттердин ордунан көзөлдөрдүн, сапал идиштердин калдыктары, темирден жасалган курал-жабдыктардын, ат жабдыктардын турмандары, адеми жасалгалардын сыныктары, мал-жандыктардын сөөктөрү учурайт. Айрым эстеликтерден кен ылгоо иштеринин издери: көөрүк оюктар, мештер, темир эритиндиси, шлактар табылган. Ал эми кичи Копен кентиндеги табылгаларда көбүнесе сапал идиштердин сыныктары, койдун, уйдун жана жылкынын сөөктөрү басымдуулук кылган. Мындан тышкары ал кездерде боз үй кебетеленген жатак жайлар да болсо керек деп болжолдоого негиздер бар. Ошондой эле узак мезгилдерге эсептелип «сарай түрүндө тургузулган курулуштарды жана сепил өңдүү сокмо коргондорду, мисалы, Минусин ойдуңунун түштү гүндөгү «О най тура» деп аталган «тува дубалын» айрым изилдөөчүлөр чаатас доорундагы эстеликтерге кошууну сунуш кылып келишкен. Бирок аталган курулушту казып, изилдеп көрүшкөндө мындай божомолдун туура эместиги анык болду, көрсө, бул чеп коргон Саян өрөөнүн түндүк тараптан болуучу чапкын-аскындардан коргоо үчүн курулган экен.

Чаатас доорундагы эстеликтердин дагы бир түркүмүн петроглифтер, тамгалар, руникалык жазуулар, казыналуу кенчтер түзөт. Кыргыздардын бул кездеги материалдык маданиятынын турмандары көп түрдүү келет.

Булардын ичинде сапал керамикасы абдан мүнөздүү көрүнүшкө жатат, алар адабияттарга «кыргыз вазасы» деген ат менен кирген. Л.А.Евтюхова аныктап чыккандай, вазалар чарык түрүндөгү атайын шайманда тегеретме тасмага салып ийленген, андан соң түбүн жана оозун заптап кынапташкан. Вазалар ар түрдүү формада жасалган. Көбүнчө түбүн жалпак, тулкусун жумурткадай жумуру кылып, оозун анчалык узун чыгарбай, кууш кайып, кырдантып жасашкан. Ошондой эле бөтөлкө түспөл, оозу кууш, шар сымактуу идиштер да кездешет. Кыргыз вазаларын цилиндр түрүндөгү мөөр баскычтарда чегедектин сүрөтүн чөгөрүп асемдешкен. Алар кейпи шарап үчүн жасалса керек, анткени кыргыздар, жылнаамаларда айтылгандай, «эгинден кирчимек ачытышкан». Сапал идиштер, божомолго караганда, Енисейге кыргыз маданиятынын тепсей доорунда эле Борбордук Азиядан ооп кирген болуш керек, ал эми чаатас мезгилинде алар кеңири таралып, аны акырындап кыргыздар өздөрү жасай баштаган. Муну көптөгөн идиштердин ассиметриясы, чопо топурактын аралашмасындагы таш күкүмдөр, майда шагылдар көрсөтүп турат. Мындан бөлөк кыргыздарда сомдомо керамикалар: вазалар, гөзөлөр, чөйчөктөр кеңири колдонулган. Кээде суюктук куюлуучу кумган сыяктанган идиштер жолугат, аларды кезинде кыргыздар өлгөн адамдын күлүн сала турган көрүстөн кутусу катары да пайдаланышкан. Кыргыз төбөлдөрү кымбат баалуу металл идиштерин, алтын карматылган, күмүш жалатылган кумураларды, чөйчөктөрдү, чөөгүндөрдү жана башка идишаяктарды урунушкан.

Айрым бир жерлерден лакталган мискейлер, тостукандар табылган, кейпи алар сырт жактардан алынып келген буюмдардан болсо керек.

Чаатас доорундагы кыргыз эстеликтеринен курал-жарак турмандары башка буюмдарга караганда аз жолугат. Кенттердин төрткүлдөрүнөн бир кырынан миз чыгарылган муунактуу шамшарлар, жебенин ар түрдүү формада жасалган темир учтары, кылычтар, найзанын тыктары, айбалталар, чарайна-зооттор табылган.

Кыргыздардын ат-жабдыктары, алардын турмандары жайында айтсак, эки учуна шакек-тогоо тагып, чынжырлуу коңгуроо байлаган ооздуктарды, тегерек жана жалпак моюндуу жазы үзөңгүлөрдү, жүгөн жана ээр үчүн каңылтыр таралгаларды жасашкан, аларды өсүмдүктөрдүн же болбосо айбанаттардын сөлөкөтүн түшүрүп көрчөгө лөшкөн.

Жоокер кыргыздар киселүү кур байланып жүрүшкөн. Ал кезде эркек болсун, аял болсун, баары бирдей сырга тагынышкан. Шуру, билерик, шөкүлө аялдардын негизги жасалгасына кирген. Ал эми жылкынын эки башы жана кадимки сөлөкөтү чөгөрүлгөн коло тумарларды эркектер тагынышкан. Мындай тумарлар кыргыздардын арасында таштык мезгилинен бери сакталып келген.

Кээде жыгачтан жонуп, сыртына жука жез жаткызып, «алтын жана күмүш жалатылган мал-жандыктын, өзгөчө койдун бедиздери жолугат. Калыбы алар таштык мезгилиндегидей эле күтүрөгөн төрт түлүктүн шаанисин билдирсе керек жана ошондон улам өлгөн адамдын ыскаты катары көрүстөнгө кошо көмүлгөн. Чаатас турбаттарынын төрткүлдөрүнөн жер иштетүүчү шаймандар: чоюн соколор, сөөктөн жасалган кетмендер, темир күрөктөр да кездешет. Ал эми кенттердин урандыларынан үй тиричилигинде урунган аспаптар: саптуу темир бычактар, шибеге, төөнөгүч, жаргылчактын туткалары, кол тегирмендин таштары табылат.

Кыскасы, чаатас доорундагы буюм-турмандардан таштык мезгилине салыштырганда Минусиндеги тургун калктын маданиятында олуттуу өзгөрүүлөр болуп өткөндүгүн жана алардын издерин таасын көрүүгө болот. Курал-жарактардан, ат жабдыктардан жана алардын турмандарынан шөкүлөлөрдөн, металлдан жасалган идиш-аяктардан, кемерлердин жасалгасынан сырт жактан кирген жөрөлг өлөрдүн таасири айрыкча ачык байкалат. Мындай жаңы жышааналардын дээрлик бардыгы Енисейге көчмөн түрктөрдүн дүйнөсүнөн же алардын шарапаты менен Орто жана Чыгыш Азиянын элдеринен оошуп кирген. Рун жазмасын да кыргыздар түрктөрдөн алган, көрүстөнд өрдөгү моло таштарга керез сөз чегип калтырган салтты да ошолордон үйрөнүшкөн. Эгерде түрк кагандары кыргыздарды бир канча ирет багынтып басып алышканын, VIII кылымда алар Минусин ойдуңун байырлап турушканын, түрктөр менен кыргыздардын башкаруучу төбөлдөрү өз ара алакада болушканын эске алсак, байыркы түрк маданиятынын кыргыздарга тийгизген таасир-таалими таң каларлык иш эмес. Ошону менен бирге кыргыз маданиятынын түрктөштүрүлүшүн бир жактуу процесс катары карап, тарыхый маданий бир аймактын борбордук жамаа тындагы маданий жетишкендиктер анын чет жакаларындагы элдерге механикалык түрдө көчүрүлүп турган дегендей кыязда кабыл алуу дегеле туура болбос эле. Аталган маданий түркүмдүн бул процессин жалпы түркүй шаркеттин составына кирген ар түрдүү көчмөн уруулардын өз ара маданий алакаларынын күч алышынан улам өз-өзүнчө турган тектеш маданияттардын жалпы бир тарыхый-маданий көрөңгүгө жуурулушуп, биригиши катары түшүнүү адилеттүү болмокчу. Түрк кагандарына баш ийип, ошол эле учурда каганаттын аскерий-административдик бийлигинин бир тизгинин колунда кармап турган жергиликтүү көчмөн төбөлдөр аскерий-кошун маданиятынын жаңы жөрөлгөлөрүн: мартабалуу аскер наамдарын, курал-жарактардын түрлөрүн, жасалгалуу ат жабдыктарын жана жоого кийчү кийим-кечелерди, кымбат баалуу идиш-аяктарды, өздөрүнүн эрдигин таш турбаттарга чегип, керез кылып калтыруу салтын ылдам өздөштүрүп, үйрөнүүгө жетишкен. Дегинкиси түрктөр VIII кылымда кыргыз жерин басып алып, аларга аралашып жашай баштаган кездерде түрктөрдүн аскер төбөлдөрү кыргыз ак сөөктөрүн мамлекетти башкаруу ишинен убактылуу түрдө четтеткен болуу керек, бирок кийин II чыгыш түрк каганаты кулатылган соң, түрктөр жергиликтүү маданиятка өздөрүнүн салт-санаасын сиңирип, кыргыздарга урукташ болуп жуурулуп кетишкен дешке болот.

Чаатас доорунда кыргыздар канчалык өлчөмдө уйгурлардын таасирине кабылганын айтуу кыйыныраак, анткени уйгур эстеликтери азырынча жетерлик түрдө изилдене элек. Болжолго караганда, уйгурлар VIII кылымдын жуп этегинде, Кутлуг кагандын тушунда гана Минусинге ийгиликтүү жортуул жасай алмак. Айткандай эле, дал ушул мезгилден тартып, кыргыздардын жана Минусин түрктөрүнүн оюм-чийимдеринен уйгур асемдери көрүнө баштаган. Бирок мындай таасирдин издери чаатастардан анчейин байкала бербейт, өсүмдүк асемдери татаалданып, жаныбарлардын каптал жактан көрүнгөн сөлөкөтүн түшүрүп көрчөгөлөөдө мүнөздүү өзгөчөлүктөр пайда болгон, чыгыш азиялык элдерге жана иран-согдиялыктарга тиешелүү сюжеттер жайылып таралган. Мунун баары уйгур каганатынын ооматы көтөрүлүп турган маалга туура келет деп жоромолдосо болот. Минусиндеги чеп сыяктуу курулуштар да уйгурлардын, же балким, алар аркылуу согдиялыктардын шарапат-шарпасы тийип барпаа болгон чыгар. Бирок ошентсе да уйгурлар менен кыргыздардын сапал идиштеринде, айрыкча алардын жасалгаланышында окшоштуктар аз байкалат.

Дыйканчылык иши жайкын өрүшкө жеткен Орто жана Чыгыш Азия өлкөлөрү менен кыргыздар чаатас доорунда анда-санда гана алака жасашкан. Тан империясынын сарайына элчиликке барып, айырбаштоо үчүн жылкы айдап келишкени, Тибетке, Чыгыш Түркстанга жана Согд ияга кез-кезде соода кербендерин жөнөтүп турушканы белгилүү. Андыктан Чыгыш Азияда жасалган кайсылдыр бир буюмдар, мисалы, Тан империясынын тушундагы кытай кездемелери, лакталган идиштер, жез тыйындар дипломатиялык алыш-бериштердин, соода-сатык иштеринин аркасында Енисейге келип калышы да мүмкүн эле. Бирок аралыктын алыстыгынан жана кыргыздардын ал кезекте түрктөргө, уйгурларга саясий жактан көз каранды болуп тургандыгынан улам мындай байланыштар туруктуу мүнөзгө ээ боло алган эмес.

Андан кийинки доорлордо кыргыздардын тарыхындагы эң көрүнүктүү окуялардын тилкеси башталат. IX–X кылымдарда алар бүткүл Борбордук Азияны каратып алышып, бул аймакка ээлик кылып турушкан. «Улуу державалык» доор деп аталган ушул мезгилдеги кыргыз маданияты Минусин ойдуңунан кыйла алыс жактарга – Краснояр-Кан районуна, Обь дарыясынын алабына, Алтай, Чыгыш Казакстан, Тува, Монголия аймагына, Байкалдын атрабына жайылып тараган. Жазма даректер бул мезгилде кыргыздар Чыгыш Түркстанга жана Тан империясынын чектерине чейин кирип келишкенин тастыктайт. Ошого жараша аталган доордогу көрүстөн эстеликтери да көп түрдүү келет. Кыргыздардын IX–X кылымдардагы көрүстөн коргондорунун эң көбү азыркы кезде Тувада изилденди. Хыргыс-ур деп аталган көрүстөндөр ушул мезгилдеги эң мүнөздүү турбаттардан болуп саналат. Тегерете ноолу дубал согуп, таштарды кырдап үйүп, коргондун жанына тосундарды орнотушкан. Корум таштардын алдына көр казып, өлгөндөрдүн сөөктөрүн күйгүзүп, бирден-экиден, кээде үчтөн-төрттөн топ-топ кылып чогултуп, малдын этин, идиштерди коюшкан. Эркектер көмүлгөн кабырлар ыскаттарга бай келет, алардан курал-жарак, ат жабдыктар, текмет-курлар табылат. Коргондордун жанындагы тосундарга тамга чегелеп, керек сөздөрдү жазышкан.

Улуу державалык доордун тушунда кыргыздар таш үйүп, шакек түспөл саганаларды да тургузушкан. Мындай турбаттар «хыргыстар – сууктэр» деп аталган жана алар б. з. II миң жылдыгынын башында кеңири таралган. Булардан тышкары IX–X кылымдарда ноолу дубалдуу көрүстөн коргондору болгон, алар хыргыс-ур турбаттарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн түрү сыяктанат. Ошондой эле тегерек жана сүйрү кылып таш кырдаган объекттер да белгилүү. Айрым райондордон, көбүнчө Минусин ойдуңунун чет жактарынан үстү кырдалбаган топурак мүрзөлөр табылган.

Обь дарыясынын алабындагы топурак дөбөлөр кыргыз маданиятына таандык деп эсептелинет. Буларга өлүктү өрттөп, анчалык терең эмес сүйрүсүнөн келген ороолорго коюшкан. Төрткүлдөрдүн арасынан аталган аймак үчүн мүнөздүү болгон ат жабдыктар, курал-жарактар, сапал идиштер чыгат. Булар менен бирге эле ноолу дубалдуу чакан таш коргондор кезигет, аларга өлүк көмүлгөн эмес, бирок курал-жарактардын, ат жабдыктардын турмандары, койдун эти коюлган. Аларды символикалык көрүстөндөр – кенотафтар деп атоого болот. IX–X кылымдарда кыргыздар жаш балдарды чакан коргондордун алдына, сүйрү жана төгөрөк коргондордун кырдалган корумдарына хыргыс-ур турбаттарынын көтөрмөлөрүнө коюшкан.

Кыргыз каганатынын чектери кеңейген сайын анын букаралыгына өткөн уруулардын саны көбөйгөн, ошол себептен урку башка уруулардын көрүстөн эстеликтери да көп түрдүү мүнөздө болгон. IX–X кылымдарда өлгөн адамды аты менен кошо көмгөн байыркы түрктөрдүн салты айрыкча кеңири тараган. Кээде өлүктүн ордуна маникен коюшкан. Ал эми өлүк менен бирге атын кошо өрттөп койгон көрүстөндөр түпкүлүгүндө түрктөрдөн таралып, кыргыздарга өткөн болуш керек. Мындай эстеликтер аталган мезгил үчүн сейрек көрүнүш болгон.

Мындан тышкары өлүккө кошуп аттын терисин койгон уйгур көрүстөндөрү белгилүү. Минусин ойдуңунан өлүктү өрттөбөй көмгөн ар түрдүү жалкы мүрзөлөр учурайт. Булар кыштымдардын мүрзөсү болгон.

Кыргыз каганатынын чет жакаларында, кыргыздар өздөрү жайлаган жерлерден сырткары аймактарда негизинен жергиликтүү уруулардын көрүстөндөрү басымдуулук кылат. Бул мезгилде кыргыздардын көпчүлүгү Туваны тургундап турушкан. Минусинде алардын эстеликтери анчалык көп эмес. Калган аймактардан болсо кыргыз көрүстөндөрү өтө эле сейрек, бирин-экин гана жерден учурайт.

Улуу державалык доордогу кыргыз кенттери Минусин ойдуңунан изилденген. Бул негизинен, көчмөн малчылардын жайкысын жана кышкысын тургун кылган конушжатактары болгон, алардан кандайдыр бир маданий катмардын калдыктарын байкоо кыйын. Кенттердин ордунан, негизинен, карапалардын сыныктары, темирден жасалган жоо-жарактардын, ат жабдыктардын айрым бир турмандары, чопо буюмдар, тыйындар, үй жандыктарынын сөөктөрү табылат. Кээ бир кенттерден кен ылгоо ишинин издери катталган. Л. Р. Кызласовдун божомолу боюнча Уйбат дарыясынын жээгиндеги пакса дубалдуу курулушу дал ушул доорго туура келет, аны адист ер кыргыз каганынын «сепил-сарайы» болгон деп аныкташат. «Сепилдин» айланасынан эзелки кенттин болор-болбос жышаандары байкалат. Коргонуу максатында тургузулган айрым бир курулуштар, мындан тышкары руникалык кыргыз жазууларынын, аларды коштогон эн тамгалардын, казына катылган жайлардын, аска таштардагы сүрөттөрдүн бир кыйла бөлүгү да ушул мезгилге ылайык келет.

Улуу державалык доордогу кыргыз маданиятынын предметтик турмандары ар түрдүү шаймандардан, тиричилик буюмдарынан турат.

IX–X кылымдарга таандык кыргыз көрүстөнд өрүнөн сейрек болсо да карапа жана ийленген идиштер, атап айт канда, «кыргыз вазалары», гөзөлөр, тостукандар учурайт. Бул мезгилде кыргыздар чорголуу кумгандарды, чөйчөк төрдү, чөмүчтөрдү урунушкан. Күмүш чөгөрүлгөн кымбат баалуу идиштер уйгур көчмөндөрүнө кол салып, алардын конуштарын, шаарларын басып, талап алган кездерде кыргыздарга олжого келген же болбосо Орто Азия мамлекеттери менен соода-сатык кылганда айырбаштап алышкан.

Кыргыздардын сөз болуп жаткан доордогу жоо-жарактары да сырткы түспөлү жана түркүмү жагынан абдан бай болгон: түз жана ийри кылыч, найза, айбалта, канжар, жаа, зоот, калкан ж. б. Жүгөндүн ооздугуна жылаажындарды тагышкан, тегерек жана жалпак үзөңгүлөрдү жасашкан. Ээр токумдарга, өзгөчө куюшкан-жүгөндөргө, басмайылга не бир түркүн асемдерди түшүрүп, алтын жалатып көр чөгөлөшкөн. Киселүү кемер курчанышкан, сырга, шуру, тыйын кыргыз аялдары тагынышкан негизги жасалга болгон. Тан империясынын тушундагы кытай тыйындары Енисейге дал ушул доордо келген. Алардын айрымдарында руникалык жазуулар бар. Буга караганда тан тыйындары кыргыз каганатында казынанын милдетин аткарып, акча ордуна колдонулган деген жоромолдун жүйөсү бар өңдөнөт.

Кыргыз эстеликтеринен темир бычактар, миздүү жана учтуу аспаптар, орок-чалгылар кездешет. Тан доорундагы буурусун шаймандары да кыргыздарга ушул мезгилде келген болуу керек.

IX–X кылымдардагы өлүк көмүү салтынын мүнөзү жана инвентардык турмандар бул мезгилде кыргыз маданиятында чаатас доорунда салыштырмалуу кыйла өзгөрүүлөр болуп өткөнүн көрсөтөт. Хыргыс-ур коргондору менен чаатастардын ортосунда өз ара байланыш бар экени адабияттарда белгиленген. Чынында эле VI–VIII кылымдарга таандык көрүстөндөрдүн составынан кай бир учурларда кырдалган корумдарды айланта коргон уруп, жанына жалгыздата тосун орнотуп же тосун койбой тургузулган турбаттар катталган. Аларды чаатастардын жөнөкөйлөштүрүлгөн түзүлүшү катары эсептөөгө болот. Бул кейпи түрктөрдүн таасиринен улам болуп өтсө керек. IX–X кылымдарда көрүстөндөрдүн ички түзүлүшү да кыйла жөнөкөй түргө келип өзгөрө баштаган, б. а., мурда төгөрөк же сүйрү ор казып, капшытына кыдырата жыгач кагып кынаптап, ортосуна түркүк орнотушса, эми анын ордуна тек гана тайыз чуңкур каза турган болушту. Каада-салтка акырындап жаңы жөрөлгөлөр кирген. Ыскат катары көрүстөнгө коюлчу оокат-азыктар сейректеп, инвентарлар көбөйгөн. Мындай өзгөрүүлөр жоокерчилик турмуштун күч алышына, жортуулдардын маалында калкт ын бир орунда турбай, такай жер которуп тургандыгына жараша келип чыккан. Узакка созулган согуштардын муктаждыгынан курал-жарак жасоо кескин өнүгүп, анын түрлөрү көбөйгөн. Ордосу талкаланган уйгурлардан асемдүү, адеми артык ат жабдыктар, киселүү курлар кыргыздарга өтүп, калк арасына кеңири таралган. Олжого түшкөн же соода-сатыктын натыйжасында алмашылып алынган буюмдардын айрым бир бөлүгү көрүстөн ыскатына коюлган. Кыргыз маданияты үчүн IX–X кылымдардын чектеринде дыйканчылыгы өнүккөн өлкөлөр менен карым-катнаш жасоого оңтойлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Чет жерлик буюмдарды ташып келүү күч алган. Кыргыз кагандары башка көчмөн мамлекеттердин башкаруучуларындай эле Тан доорундагы жер иштетүүчү шаймандарды алдырып, кытай тыйындарын колдонуп, тургун элдин арасында зыраатчылыкты өнүктүрүүгө, акча каражатын жүгүртүүгө аракет жасашкан. Чет элдик курулушчулардын жардамы менен шаар куруу өнөрүн жай ылтууга киришип көрүшкөн. Мындай аракеттер негизинен, коргонуу максатын көздөп, көчмөн коомдун реалдуу мүмкүнчүлүгүн эске албагандыктан, түпкүлүгүндө оңунан чыккан эмес жана маданияттын мүнөзүн өзгөртүп жибере албаган. Анын тескерисинче, чаатас дооруна салыштырганда IX–X кылымдардагы кыргыз маданияты баштагы элеттик өзгөчөлүктөрүн жоготуп, «жалпы көчмөн мүнөзү» күч ала баштаган. Б. з. биринчи миң жылдыгынын этегиндеги Саян-Алтай тарыхый-маданий ортолугундагы түрктөрдүн, кимактардын жана башка көчмөнд өрдүн маданиятына салыштырганда кыргыз маданияты инвентардык турмандарга жарды келет.

Кыргыз тарыхынын мындан кийинки доору адабияттарга «хыргыстар сууктэр» деген ат менен кирген. Ал б. з. XI–XII кылымдарына туура келет. Бул мезгилдеги кыргыз маданиятынын эстеликтери көбүнчө Саян-Алтайдан жолугат. Тувада алар аз, бирок Минусин ойдуңунда көп. Ал эми Красноярск аймагында болсо бирин-серин гана. Бул мезгилге мүнөздүү эстеликтерге – тегерете таш үйүлгөн көрүстөндөр кирет. Алар «сууктэр» деп аталган. Кээде алардан ноолу дубалдын орду байкалат. Кырдалган корумдардын жанына кез-кезде гана тосун орнотушкан. Төрткүлдөрдүн алдынан күл, күйгүзүлгөн сөөктөр, ат жабдыктардын, куралдардын темирден сомдоп жасалган турмандары чыгат, оокат-аштын калдыктары, көбүнесе уйдун жана жылкынын сөөктөрү жолугат; айрым коргондордон иттин скелети, шыйрак сөөктөр, кээде жылкынын териси табылат.

Сууктэр коргондоруна түспөлдөш кабырлар да ушул доордогу көрүстөн эстеликтеринен болуп саналат. Аларга эч нерсе коюлган эмес, болгону айрым бир темир буюмдар гана кезигет. Кыязы, бул символикалык көрүстөндөр болсо керек. Ал эми жаш балдарды өрттөбөстөн, темир буюмдар менен кошо шакек сыяктуу тегерете кырдалган коргондордун алдына коюшкан.

Аталган доорго таандык кыргыз көрүстөндөрү саны жагынан анчалык көп эмес, 5–10 объекттен, негизинен, жоокерлердин мүрзөлөрүнөн турат, алар кыр-жондордо жана керүү жерлерде кыркалекей болуп катарлашып жатат. Теги бөлөк тайпалардын, кыштымдардын, уйгурлардын мүрзөлөрү кыргыз көрүстөндөрүнүн арасынан бириндеп жолугат. Кыштымдар өлгөндөрүн өрттөбөй, таш табыттарга салып тегерете кырдалган кабырларга коюшса, уйгурлар ана-кана кылып таш дубалдар менен тосулган, көтөрмө өңдөнгөн ороолорго аттын терисине кошуп көмүшкөн.

Сууктэр доорундагы жатак-жатак жайлардын орду Минусин ойдуңунан изилденген. Алардын көпчүлүгү көчмөн малчылардын кышкы жана жайкы конуштары болуп саналат. Алардан эч кандай маданий катмар калган эмес, айлана-тегерегинен темир куралдар, ат жабдыктардын турмандары, бычактар, үй жандыктарынын сөөктөрү табылат. Кээ бир кенттерден темир эриткен көрүктөрдүн изин көрүүгө болот. Кыр жондорго жана керүү жерлерге салынган коргонуучу чептер да ушул суук тэр мезгилине таандык курулуштар деп эсептелинет, согуш коркунучу туулганда көчмөн калк ушул сепилдерге келип корголошкон. Алардан маданий катмар калбагандыктан, кайсыл учурда курулганын так аныктоо кыйын. Айрым учурда гана аларга жакын жерлерден сууктэр көрүстөндөрү табылган, ушуга караганда булардын курулган доору бир болсо керек деп божомолдоого болот. Адабияттарда Уйбат дарыясынын өзөнүндөгү «сепил» биздин замандагы II миң жылдыктын башталышында да сакталып турган деген кеп бар.

XI–XII кылымдарда кыргыздар руникалык жазуусун колдонбой калышкан деп жоромолдогондор болгон. Бирок Минусин ойдуңундагы жана Тувадагы таш көрүстөн дөрдүн тосундарына чегеленген тамгалар дал ушул сууктэр мезгилине туура келет. Ал эми аска таштарга түшүрүлгөн сүрөттөр бул мезгилде болгонбу, жокпу, азырынча айкын боло элек. Коргонуучу курал-жарактар катылган кенчтер да ушул доорго тийиштүү болушу мүмкүн.

XI–XII кылымдардагы кыргыз маданиятынын предметтик комплекси мурдагы доорлорго караганда чоң өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Бул мезгилдердеги көрүстөндөрдөн сапал идиштер дээрлик учурабайт. Кыязы, башка көчмөн маданияттардай эле, б.з. II миң жылдагы башталган маалда кыргыз маданиятында да карапачылык баштагы маанисин жоготуп, анын ордун металлдан жана териден жасалган идиштер ээлей баштаган болуу керек. Казылып алынган табылгалардын арасынан кээде күмүш идиштерди учуратууга болот, алар кыргыздарга сырттан кирсе керек же жортуулдардын учурунда олжого түшкөн шекилди.

Курал-жарак да өзгөргөн, алардын түрлөрү көбөйгөн. XI–XII кылымдардагы кыргыз жоокерлери ийри кылыч, найза, айбалта, канжар, жаа менен куралданып, чарайназоот, туулга кийишкен; ар түрдүү формада кыр чыгарып, жалпак, канаттуу жебелерди жасашкан. Ат жабдык турмандарынын арасынан жылаажын тагылган суулуктар, көзөнөктүү жалпак моюн, иймек таман үзөңгүлөр кеңири таралган. Кемер курларды, ээр токумдарды кештелеп, көрчөгөлөөдө жаңыча асемдер пайда болгон. Мындай өзгөрүүлөр буюм жасоонун жаңы усулуна ылайык келип чыккан, алардын көбүн темирден ийлеп, үстүнө күмүш жаткырып, жаңы ыкма менен жасай башташкан.

Сууктэр коргондорунан сырга, шуру, тан тыйындары көп жолугат. Булар аталган мезгил үчүн мүнөздүү келген жасалгаларга кирет. Тиричилик шаймандарынан темир бычак, төөнөгүч, ийне, балта, күрөк ж. б. табылат. Мурунку доорлорго мүнөздүү болбогон айырмачылыктар өлүк коюу салтынан, ошондой эле көрүстөн буюмдарынан да байкалат. Сууктэр коргондору, негизинен, улуу державалык доордогу кыргыз көрүстөндөрүнө окшош келип, шакек түрүндө тегерете кырдалып, таш үйүлгөн. Мындан тышкары турбаты жок бейиттер, кенотафтар болгон.

Жоокерчилик иштерде аттын ролу өсүп, ага ылайык курал-жарактардын көп түрлөрү универсалдаша баштаган. Экинчи жактан темир иштетүү өнөрү өнүгүп, өркүндөгөн сайын буюм жасоонун, аларга асем түшү рүүнүн мүнөзү өзгөрүп отурган. Эске ала турган дагы бир жагдай: бул мезгилде дыйканчылык маданияты өнүккөн. Чыгыш жана Орто Азия өлкөлөрүн кидандар, монгол тилдүү башка уруулар басып алып, ээлик кылып турушкан, ошондуктан кыргыздар бул аймактагы элдер менен баштагыдай алакакатыш жасабай калышкан. Бул да суукт эр доорундагы кыргыз маданиятынын турпатына аздыр-көптүр таасир тийгизбей коймок эмес. Дегинкиси, кыргыздардын көрүстөн эстеликтеринен табылган ушул доордогу темир буюмдары эшилип-жешилип начар сакталгандыктан, аларды башка маданияттарга мүнөздүү келген материалдар менен салыштырып карап, талдап чыгуу кыйын. Андыктан металл иштетүүдөгү жаңы жөрөлг өлөрдүн тегин, алар кыргыздарга кимдер аркылуу кирип таралганын азырынча так айтууга болбойт.

XIII–XIV кылымдарда кыргыз төбөлдөрү ыктыярдуу түрдө Чыңгыз ханга баш ийип, монгол империясынын карамагында турушкан. Ошондон улам бул учур кыргыздардын тарыхында «монгол доору» деп аталат. Аталган мезгилдеги кыргыз маданиятынын эстеликтери, негизинен, Минусин ойдуңуна топтолгон. Алар сууктэр коргондоруна окшош келип, тегерете таш үйүлүп жасалган, өлүктү өрттөп коюшкан. Көрүстөндөрдөн жандыктардын сөөк-саактары, темир куралдар, ат жабдыктарынын айрым турмандары, тиричилик эмеректери учурайт.

Енисейден табылган күмүш идиштердин казына-кенчтери да ушул доорго таандык деп эсептелинет. Кенчтер жөнүндө айтсак, алар аз. Анын үстүнө тиричилик буюмдарынан турган инвентардык турмандар мурунку доорлорго мүнөздүү материалдардан кескин айырмаланбайт. Көчмөн малчылар конуш кылган жайлардан кээде темир ооздук, жылаажын, таралгалар, асемделген ээрдин кашы, илме шибеге, эки тиштүү айры, монгол тейиндеги сыргалар жолугат.

Монгол доорундагы эстеликтерден сапал идиштер кездешпейт. Кез-кезде гана адеми артык күмүш идиштер учурайт, калыбы, алар кыргыздарга сырттан кирсе керек. Бул мезгилде кыргыздар курал-жарактардын көп түрлөрүн колдонушкан, бирок алардын ичинен ар кандай формадагы жебенин учтары гана табылган, калгандары кезиге элек. Көрүстөн коргондорунан болгону зооттун сыныктары чыккан. Ат жабдыктарынан бул мезгилде коңгуроо түспөл жана жалпак жылаажындуу кош ооздуктар, көзөнөк моюндуу үзөңгүлөр, көмөлдүрүк-куюшкандар белгилүү.

Монгол доорунда кыргыздардын өлүк коюу жана аза күтүү адат-салты анчейин өзгөргөн эмес. Көрүстөн коргондору сырт түспөлү жагынан сууктэр доорундагы объект терге окшош, кырдалган корумдары гана жөнөкөй тартып, көрүстөндөгү объекттердин саны азайган. Кээде мындай коргондор өзүнчө, жалкы түрүндө жолугат.

Сууктэр дооруна караганда эстеликтердин жалпы саны да бир кыйла аздык кылат. Инвентардык турмандардын жаңы жөрөлгөлөрдүн шааниси көп байкалбайт. Негизинен, ал ат жабдыктардын темир жасалгаларынан, алардын асемдеринен гана көрүнөт, куралдардын түспөлү жана түрлөрү азайган.

Кыскасы, монгол маданиятынын кыргыздарга сезилерлик таасир тийгизгени байкалбайт, анын изи көрүн бөйт. Бул кезде Саян-Алтай аймагында саясий кырдаал өзгөрүп, кыргыз жерлери бүт бойдон монгол империясынын карамагында калганын эске алсак, жаңы жөрөлгөл өрдүн мынчалык аз таралып, таасири тайкы болгонун түшүнүү кыйын. Кыязы, буга Минусин ойдуңу монгол мамлекетинин ортолугунан бир кыйла алыс, анын чет жакасында турганы себепчи болгон көрүнөт. Анын үстүнө кыргыз ажолору монгол жаангерлерине ыктыярдуу түрдө баш ийип беришкендиктен, кыргыз маданияты алардын кыйракандуу кысымына кабылган эмес. Бирок монгол империясы кыргыздарды өздөрүнүн жортуулдарына катыштырып, ар кайсы жакка бытыратты, ушунун айынан Енисейде алардын абалы начарлап, кыштымдар жанданып, бүт өрөөнгө тарап, сан жагынан көбөйдү. Муну алардын эстеликтери да айкындап турат. Минусин ойдуңундагы кыштымдардын көрүстөндөрү бул доордо кыргыздардыкына караганда бир кыйла көп болгон, алардын айрымдарынан ыскат катары коюлган баасы кымбат күмүш идиштер, асемдүү ээрлер табылган. Ырас, кыргыздар андан кийин деле далай мезгилдерге чейин кыштымдарга бийлик жүргүзүп, саясий үстөмдүгүн кармап турушкан, бирок бул мезгилде Минусиндеги этникалык жагдай олуттуу түрдө өзгөрүп калган болчу.

КЫРГЫЗДАРДЫН АСКЕР ИШИ

Энесайлык кыргыздардын аскер иши алардын Минусин ойдуңундагы мамлекети жоюлуп, жок болгондон көп өтпөстөн, б.а., XVIII кылымдын башталышында эле окумуштуулардын баамына урунган. Орто кылымдарга мүнөздүү курал-жарактардын айрым турмандары, кыргыздардын жоого маш келгенин, алардын түрктөр-уйгурлар жана монголдор менен кагышып-чабышканын баян кылган жазма даректердеги маалыматтар изилдөөчүлөрдү кызыктырган. Музейлик коллекциялар бара-бара көбөйүп топтоло берген, акырында курал-жарак табылгаларын санжаптап, изилдеп чыгуунун зарылдыгы пайда болгон. XIX кылымдын этегинде жана XX кылымдын баш ченинде Минусин менен Красноярскинин музейлеринде сакталып турган курал-жарак турмандарын негиз кылып, бул ишке адеп Д. А. Клеменц менен В.Г.Карцов киришип көрүшкөн. Бирок ал кезде музейдеги коллекциялардан кайсы курал-жарактар кыргыз маданиятына тиешелүү экенин так аныктоо кыйын болчу. Бул 1929-жылы С.А.Теплоухов кыргыз маданиятынын эстеликтерин өзүнчө түркүмдөп, аларды эн белгилери боюнча ажыратып бөлүп чыккандан кийин гана анык болду. XIX–XX кылымдарда В. Шотт,

Н. Я. Бичурин, В. Радлов, В. В. Бартольд жана башка окумуштуулар кыргыздардын аскерий тарыхы жайында кытай, араб-фарсы жана уйгур-түрк жазма даректеринде айтылган маалыматтарды жалпылап, которуп чыгышты. Кыргыз жоокеринин сөлөкөт-сүлпөтү чегеленген аска таштагы сүрөт-чиймелерди И. Р. Аспелин менен Я.Аппельгрен – Кивало таап, китеп кылып чыгарышты.

Мунун баары 40-жылдары А.А.Евтюховага кыргыздардын аскер иши жөнүндө биринчи жыйынды очерк жазууга мүмкүндүк берген. Очерк автордун Абакандан чыккан китебине кирген. Ал үзүл-кесил маалыматтарды камтыган кыска очерк болчу. Андан кийин 50–60-жылдары археологдордун Тувада жана Минусинде жүргүзгөн иштеринин натыйжасында материалдык дарек-далилдердин чөйрөсү олуттуу түрдө кеңейип, аларды сапжаптап түркүмгө келтирүүгө, жалпылап чыгууга мүмкүнчүлүк ачылды. Эзелки көчмөндөрдүн: скифтердин, сарматтардын, татар маданиятынан тараган этникалык тайпалардын, ошондой эле Байыркы Рустун аскерий тарыхын иликтеп үйрөнүүнүн мисалдары мындай изилдөөнүн маанилүү экенин көрсөттү.

70-жылдардын башталышында ушул эмгектин автору кыргыздардын курал-жарактарын иликтеп-изилдөө менен аралаша баштады. Адегенде орто кылымдарда Евразиянын бүткүл талаа-түзөңдөрүн тургундап өткөн көчмөндөрдүн аскер ишиндеги өзгөчөлүктөр көчмөн цивилизациясынын түзүлүү мыйзамченемдери каралган болучу. Бирок материалдарды талдоого ала келгенде көчмөндөрдүн аскер ишин изилдеп-үйрөнүү үчүн алды менен аналитикалык модел зарыл экендиги, ошондо гана бүткүл көчмөн дүйнөдөгү аскердик иш-аракеттерге туура иликтөө жүргүзүүгө боло тургандыгы айкын болду. Муну болсо аскер иши өнүгүп, жайкын өрүшкө жеткен, өзүнчө алынган бир маданияттын мисалында гана түзүүгө болот эле. Ошентип энесайлык кыргыздардын курал-жарактары менен аскердик өнөрү изилдөөнүн башкы бутасы катарында тандалып алынды. Буга бир нече негиздүү себептер бар эле, биринчиден, кыргыздардын курал-жарак комплекси жогорку деңгээлде өнүгүп, жоо шаймандарынын бардык негизги түрлөрүнөн турган, мунун өзү алардын өнөгөсүн түзүүгө мүмкүндүк бермек; экинчиден, эстеликтердин негизги чордону түштүк Сибирдин оңтойлуу аймактарында жайгашкандыктан изилдөө үчүн ыңгайлуу эле; үчүнчүдөн, жазма даректерден улам белгилүү болгон кыргыздардын өлүктү өрттөп көмгөн салтына карап ал эстеликтердин кыргыз маданиятына таандык экенин ишенимдүү түрдө аныктаса болмок. Айтор, маселенин канчалык деңгээлде изилденген абалын талдап-таразалап чыгып, буга чейинки изилдөөчүлөрдүн салымына баа берүүгө жана алдыда жүргүзүлө турган иштердин милдеттерин так аныктоого мүмкүндүк ачылды, атап айтканда, курал-жарактар боюнча материалдарды санжаптап чыгуу, куралдарды түпкү үлгүсү жагынан түркүмдөп бөлүү, согуштук шайман-жарактардын өнөгөсүн түзүү, кыргыздардын аскерий уюмдашуусун, аскерий өнөрүн аныктап, алардын тарыхындагы калабалуу окуяларды тактоо зарылдыгы келип чыкты. Адепки жылдарда музейде топтолгон материалдар изилденип, энесайлык кыргыздардын миздүү куралдары, зоот-чопкуттары, жалпы эле жоо-жарактары боюнча маалыматтар жалпыланды. 1975-жылдан тартып, кыргыздардын Минусин өрөөнүндөгү эстеликтерин план ченемдүү изилдөө башталды. Анын жүрү шүндө кыргыз жоо-жарактарынын чоң коллекциясы жыйналды. Тувада жана Минусинде жүргүзүлгөн археологиялык казуу иштеринин натыйжасында алынган жаңы табылгалар талдоодон өткөрүлүп, кыргыздардын жаалары, сыр жебелери, найзалары кантип өнүгүп, өзгөрүп тургандыгы иликтенди; кыргыз жоокерлери урунган жоо жарактардын түпкү түспөл-турпаты сомолонуп, кыргыздардын аскерий уюмдары кандай түзүлүштө курулганы, алардын аскердик өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталды. Жазма даректердеги маалыматтарды иликтеп-изилдөөнүн аркасында калабалуу окуялардын ырааты, IX кылымдагы кыргыз-уйгур чабышындагы согуштук аракеттери кантип өнүгүп, кандайча өөрчүп отурганы такталды. Кыргыздардын жоо жарактарынын негизинде автор тарыхый курал иликтөөнүн теориялык жана методикалык маселелерин, анын ичинде курал-жарактарды туркүмдөө ыкмаларын аларды белгилери боюнча санжаптоонун жолдорун, чен бирдигин иштеп чыкты. Мунун жыйынтыгы автордун 1980-жылы жарыкка чыккан илимий эмгегинде баяндалды. Китепте курал иликтөө ишинин милдеттери айкындалды; маселени изилдөө тарыхы каралды; бетме-бет келип, окчун туруп салгылашкан уруштарда колдонулган куралдар менен коргонуу жабдыктары талдоого алынды: Кыргыздардын VI–XII кылымдардагы жоо жарактарынын түпкү уңгусу кайра соколонуп, аскерий уюмдардын түзүлүү тартиби, согушуу ыкмасы, аскерий тарыхы жайында кеп козголду. Бул китеп адистердин жакшы пикирлерине арзыды.

Бирок аталган китеп менен маселени толук изилденип бүттү деп эсептөөгө болбойт.

Кийинки жылдарда жүргүзүлгөн казуу иштеринин аркасында даректүү маалыматтар бир топ кеңейди. Кыргыз маданиятынын эстеликтери Батыш Сибирден, Алтайдан, Казакстандан, Монголиядан, Байкалдын жака-белинен жана андан аркы аймактардан табылды. Волга боюндагы жана Сибирдеги көптөгөн музейлерден кыргыздарга тиешелүү курал-жарактардын коллекциялары айкындалды.

Омскидеги, Бийскидеги жана Иркутскидеги музейлердин фондусунан аныкталган кыргыз курал-жарак табылгаларын автор илимий изилдөөлөрдүн энчисине киргизип, Табат дарыясынын капчыгайынан табылган жоо-жарактарды өзүнчө түркүм кылып жарыялап чыгарды. Аталган жаңы маалыматтар орто кылым доорунда Түштүк Сибирди жана Борбордук Азияны жердеген көчмөн калк тардагы аскерий-согуш иштеринин өнүгүшүндөгү мыйзамченемдүүлүктөрдү талдап көрсөтүүгө арналган эмгекте келтирилди. Салыштырмалуу талдоо көрсөткөндөй, IХ–Х кылымдарда өнүгүү деңгээли жагынан кыргыздардын аскер иши башка көчмөн маданияттарга караганда артыкчылык кылган.

Азыркы учурда кыргыздардын аскер иши боюнча жыйналган бардык материалдарды, анын ичинде эртеги жана өнүккөн орто кылым мезгилине таандык маалыматтарды жалпылап чыгуу зарылдыгы келип отурат.

Биздин заманга чейинки I миң жылдыктын соңунан биздин замандагы I миң жылдыктын орто ченине чейинки мезгилдеги, б. а., кыргыздар Чыгыш Түркстанды мекендеп, кунндар жана жужандар менен согушуп, гаогюй динлиндери менен союздук алакада турган кездеги кыргыздардын аскерий иштери, алардын өзгөчөлүктөрү изилденбеген бойдон калып келатат. Анын үстүнө эртеги кыргыздардын – гяньгундардын археологиялык эстеликтери азырга чейин табыла элек.

VI кылымдан тарта кыргыздар Саяндын түндүк тарабындагы Ортоңку Энесай чөлкөмүн байырлай баштаган. Кыязы, алар Минусин ойдуңуна V кылымдын этегинде, VI кылымдын башталышында ооп келген шекилдүү. Болжолдо буга динлиндер менен гяньгундар бир жаат болуп жужандар жана түрктөр менен жоолашкан уруштардын капшабы тийген болсо керек. Ушул мезгилден тартып, бүткүл орто кылым доору ичинде Энесайда кыргыз маданияты, кыргыз этносу менен мамлекети жашап турган. Ал өзүнүн өнүгүшүндө бир нече тарыхый доорлорду баштан кечирген.

Чаатас доорунда, б. а. VI–VIII кылымдарда кыргыздар Минусин ойдуңунун талаа-түзөңдөрүнө жайылып тарап, бекем байыр алып калган этникалык тайпаларды баш ийдирип, өздөрүнө букара кылган энчилүү мамлекетин түзгөн. Мамлекет башчысын алар элтебер, ажо, тегин деп атап, кай бирде каган наамын беришкен.

Алеңгир иймек жаа, жазы калкан, үч кырдуу сыр жебелер кыргыз жоокеринин негизги жоо-жарагы болгон. Кармаганга оңтойлуу болушу үчүн жаанын эки учун жана ортоңку иймегин каңылтыр менен капташкан. Саадактарга ашталган темир тыктар кылоолоп курчутулуп, кууш же жазы капталдарына майда көзөнөкчөлөр, шиш бүдүрлөр жасалган. Мындай жебелер атканда алыска кетип, дал тийген. Ат үстүндө баратканда жоокерлер алардын учун төмөн каратып, кайыңдын кабыгынан жасалган саадак каптарга салып, киселүү куруна асып, белине байлап жүрүшкөн.

Аламан жапыракта, жиреме чабуулда кыргыздар шыргый саптуу сыр найза, эки миздүү селебе кылыч, тинте, айбалта колдонушкан. Найзанын тыгы темирден кылоолонуп сүйрү келген, аштоосу узун болгон, кылыч менен тинтенин сабына тээк жасалган, айбалтанын миз жагы кууш, уңгусу бийик болгон. Мындан тышкары кыргыздар бетме-бет уруштарда бир миздүү кыңырактарды, сабы миз жагын көздөй саал ийилген сүмбөдөй түз канжарларды пайдаланышкан.

Найза же жебе өтпөсүн үчүн кыргыз жоокерлери зоот кийинген, аны майда чарчы темир төңөлүктөрдөн арчындап, ашташтырып жасашкан. Андан бөлөк туткалуу карыпчы, калкан алып жүрүшкөн, башына туулга кийишкен.

Жоокер кыштымдардын жоо-жарагы жеңил болгон, алар негизинен, иймек бел жаа, үч капталдуу темир кыйгактуу жана сүйрү сөөк тыктуу саадактар, тинте менен куралданган. Кыштымдар, негизинен, жаа аткыч атчандардын кошуунун түзгөн.

Кыргыздардын аскери VI–VIII кылымдарда уруулук принцип боюнча куралган. Ар бир уруунун, ар бир оолаттын өзүнчө сардары болгон, бектер да өздөрүнчө кошуун кармаган. Алардын баары биригип кыргыз черүүсүн түзгөн. Атчан жоокерлер уютку аскер деп эсептелген. Аскерлер түркүмү боюнча бөлүштүрүлгөн эмес жана сан жагынан да бир кылкалык сакталган эмес. Эреже катары уруулук түркүмүнө карап бөлүнгөн мындай кошуундун биримдиги, тартип-тарыйкасы да анчейин бекем болмок эмес. Аскерлердин жоого туруштук кылышы кеп жагынан биринчи чабуулдун ийгилигине жараша чечилген. Казатка кирердин алдында азар-түмөн колду бир ыраатка салып тизип, айрым сардарларды ыңгайлуу жерлерге жайгаштыруу – аскер башчынын негизги озуйпасына кирген.

Сап-сап болуп чачырап сыдырга жүрүү – согуш жүргүзүүнүн негизги тарыйкасы болгон. Адегенде душманын көздөй жаа жабылтып атчан саадакчылар жапырык жасашкан. Биринчи чабуул оңунан чыкпаган учурда, кайталап сыдырга салуу үчүн кыргыздар артка чегинишкен.

Кокус душмандын кошуунунда дүрбөлөң түшүү байкалса, ошол замат уютку аскери чабуулга өтүп, келеген найза менен качырып киришкен. Эгер душман каршылык көрсөтүп кысып-сүрүп кирсе, кыргыздар ага туруштук берүүгө аракеттенишкен, ага да болбой баратса артка чегинишкен.

VI–VIII кылымдардын аралыгында кыргыздар Минусинди жана анын жака-белиндеги жаңгелдерде жашаган кыштымдардын оолатын кол алдыда кармап турган. А бирок түрктөрдүн жана уйгурлардын көчмөн шаркеттери менен болгон кагылыштарда көп ирет жеңилип, ал турсун кээде өз алдынчалуу бийлигинен убактылуу ажырап калган учурлары болгон. Бул мезгилде алар, негизинен, коргонуу мүнөзүндөгү согуштук тарыйканы тутунушкан. Кагылыш-калабалардын аймагы Минусин өрөөнү менен Туванын чегинен арылап чыккан эмес.

Андан кийинки доорлордо, б. а., IX–X кылымдарда кыргыздардын жоокерчилик өнөрү эң бийик өрүшкө жетип, жоо-жарагы өзгөчө өркүндөп өсөт. Алардын даңазадаңкы таш жарып турган бул мезгилди В. В. Бартольд адилеттүү түрдө «улуу кыргыз доору» деп атаган.

Аталган мезгилде кыргыздар Борбордук Азиядагы оңтойлуу жагдайдан пайдаланып, Саян-Алтайдын сан тайпалуу урууларын бириктирип, өздөрүнүн каганатын түзүшөт, узакка созулган кандуу казаттарда уйгурлардын таш-талканын чыгарат жана Борбордук Азиянын талаатүздүү бүткүл аймагын ээликтеп турушат.

Улуу державалык доордо кыргыз жоокерлери иймек белдүү алеңгир жаа менен куралданган. Жаанын белине капталдата жана тегерете каңылтыр жаткырышкан. Жебенин учуна темирден тык кийгизип, кылоолоп кырын чыгарып, кыйгактуу кылып жасашкан. Алар түркүмү жагынан алганда да көп түрдүү болгон. Мисалы, жөнөкөй саадактарга кирген үч кыйгак жебенин 11, эки кыйгак жебенин 2, төрт кыйгак жебенин 1, жалпак жебенин 7 түрү табылган. Бадана жыртар саадактардын түркүмү үч кыйгактуу жалпак жебелердин 5, төрт кыйгактуу камек жебенин 2, үч кыйгактуу жебенин 2, төрт кырдуу чимирик жебенин 6, сүйрү жебенин 1, жалын тил жебенин 1, тегерек жебенин 2 түрүнөн турган. Жаа огунун мынчалык көп түркүм-түрү азырынча орто кылымдардагы көчмөн маданияттардын эч кимисинен жолуга элек. Кыргыздардын зоот тешме жебелери ушул мааниде алганда өзгөчө айырмаланган, алар түр-түспөлү боюнча саадактардын калган башка түркүмүнө караганда алда канча артыкчылык кылган. Өйдөдө аталган башка да саадактардын арасынан үндүү жебе, калак жебе, томпок жебе, чимирик жебе, жылан тил жебе, ызгыч жебе жолугат. Кылоосу өткүр, кыйгагы курч мындай октоо калканды көзөп өткөн, сооттун майда тогоолорун жарып жиберген. Анан калса алардын көп түрү жалаң кыргыздарда гана болгон. Мунун баары кыргыздарда жоо-жарак жасоо өнөрү абдан өнүккөнүн тастыктайт, буга кыязы, уйгурлар менен болгон узак убакка созулган согуштар чоң өбөлгө болгон окшойт. IX–X кылымдарда кыргыз жоокерлери жаанын тебесин чечип, атайын кылабандарга салып жүрүшкөн. Жебелердин учун төмөн баштантып, чөнтөктүү коломсоктордо сакташкан. Кылабдан менен коломсок киселүү курга арчындалып, бел кырчоого байланган. Аламан жапыракта кыргыздар келеген найза жана кыйгактуу каскак сунуп жоого кирген. Найза менен каскактын тыгы сүйрү, чарчы жана мулук баш түспөлүндө жасалган. Аштоодон төмөн желек же байрак байлашкан.

Кылычташкан уруштарда ар түрдүү канжарлар, анын ичинде эки миздүү тинтелер, бир миздүү кыңырактар колдонулган. Шамшардын бул түрлөрү кыргыздарда да кеңири тараган. Алардан башка учу азыраак ийилген коросон кылычтар болгон. Мизи кууш, уңгусу жапыс айбалталар кез-кезде гана колдонулган. Коргонуу үчүн жоок ерлер темир төңөлөктөрдү тигинен тогоолоп же кадамалап жасаган калкандарды пайдаланган. Мындан тышкары алар башына туулга, колуна карапчы кийишкен. Жоого минчү аттарга олпок үртүк тигишкен. Жоокер кыштымдар жаа, жебе, кылыч же канжар менен куралданган, туткалуу калкан менен коргонушкан.

IX–X кылымдарда кыргыз мамлекетинде аскерий бийлик системасы түзүлөт. Эл бир түмөн жана жарым түмөн кошуундарга бөлүнүп, аларга аскер башчылар дайындалат.

Аскерлердин жалпы саны оор жасактуу 30 миң кыргыз жоокеринен жана букара уруулардын жеңил жасактуу 70 миң атчан эрендеринен турган.

Кыргыз черүүсүнүн оор жана жеңил жасактуу болуп эки түргө бөлүнүшү менен уруш жүргүзүүнүн тарыйкасы да олуттуу өзгөрүүгө учурайт. Казат маалында жеңил жана оор жасактуу атчан аскерлер алгоолошуп жоо сайышка түшүп турган. Адегенде жеңил жасактуу жоокерлер душманга тике маңдайдан жана капталдан жаа жабылтып, ат коюп кирген. Аламан жапырыкта алар «душмандын сесин кетирип, мизин кайтарууга аракеттенген же болбосо качымыш болуп аларды чабуул коюуга азгырган. Жоо арасы бүлүнүп, дүрбөлөң түшкөндө же ат коюп качыра бергенде оор жасактуу атчандар кошууну сыдырга салып, кылкылдап жайпап куушуруп кирген. Куюндаган аламан чабуулда күү менен келип сайылган найзаларга, кыйгактуу каскактарга эч нерсе туруштук бере алган эмес. Эреже катары уруштун ооматы да ошого жараша чечилген. Эгер душман айбатынан жанбай, каршылык көрсөтө берсе, анда жоону тинте менен шылый чаап, кылычтап, айбалталап, боо түшүрүп майкандап кирген.

Душман күчтөн тайып, алдаалап тарап, качууга баш койгондо артынан сая түшүп сүргүнгө алып, кыргын салган.

Кыргыздар чеп курганды үйрөнүшкөн, алар да коргонуунун жана басып алуунун ыкмаларын билген. Аскерлер айчылык алыс жактарга жортуулдап, жүрүшкө чыгып турган. Душмандын үшүн алып, тез багынтуу максатында жоокерлер жоого катуу жаалданып, ач айкырык, чоң сүрөөн салып кирген. Кыргыз кошуундарында жоокерлик катаал тартип сакталган.

«Улуу кыргыз мамлекетинин» тушундагы согуштарга чабуул коюу тарыйкасы мүнөздүү болгон. Кыргыз каганынын туусу астында калаймандуу казаттарга 70–100 миңге чейин жоокер катышкан. Жортуулдардын аймагы СаянАлтайдан тартып, Чыгыш Түркстанга жана Байкалдын аркы тараптарына чейин кеңейген. Кыргыздар бүткүл Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга, Чыгыш Түркстандын дыйканчылыкка ыңгайлуу аймактарын кол алдында бекем кармап турууга умтулган. Бирок айчылык алыс жортуулдардан калк каржалып, ар кайсы аймактарга таруудай чачырап тарап, анын айынан акырындап кыргыз каганатынын аскердик күч-кубаты начарлай баштаган да, «улуу державалык доордун» аякташына алып келген.

Андан кийинки тарыхый доорлордо, б. а., XI–XII кылымдарда Борбордук Азиянын талаалуу аймактары кидандардын ээлигине өтөт. Мына ушул окуялардын аркасында кыргыз этносу территориялык жактан бир-биринен окчун турган эки тайпага бөлүнүп, ажырап кеткен. Бир тайпасы Чыгыш Түркстанда калат. Экинчи жамааты Саян-Алтай аймагын тургундап калат. Ушул жерде кыргыз маданияты кийин өзүнүн өнүгүү жолундагы жаңы доорду – «сууктэр» доорун басып өткөн.

Кыргыз жоокерлери «сууктэр» мезгилинде алеңгир жаа менен куралданып, үч кыйгактуу жебенин 4 түрүн, жалпак жебенин 9, томпок жебенин 3, кыйык жебенин 1, колок жебенин 6, сүйрү жебенин 1, камек жебенин 2 түрүн колдонушкан. Бул өз заманы үчүн согуштук жоо-жарактардын көп түрдүүлүгүн билдирген. Мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу алганда алардын составы да өзгөрүүгө учураган. Жөнөкөй саадак октордун арасында жалпак жебелер өзгөчө басымдуулук кылган, бул жаа жабылтуу тарыйкасына кыргыздардын көбүрөөк маани бере баштаганын ырастайт. Бадана жыртма октордун ичинен мулук баш жебелер көп болгон. Колокторду учун өйдө баштантып оозу ачык коломсокторго салып, киселүү курга арчындап, бел кырчоого тагып жүрүшкөн.

Жоо сайышка киргенде кыйгагы сүйрү келген найза, казык тырыктуу каскак менен качырып тийген. Чабышкан кезде бир миздүү коросон кыңырак, ийри кылыч жана селебе колдонушкан. Мизи кууш, уңгусу жапыс айбалталарды сейрек пайдаланышкан. Бир миздүү тинтелер менен да чабышкан. Жоокерлер октон коргонуу максатында майда темир төңөлүктөрдөн тор сыяктуу токуп жасаган соот, баштарына төбөсү шиш, тал кырчоолуу туулга кийишкен. Ошондой эле сырты эндүү темир каңылтыр менен кыталанып, ичине калың кебез капталган чарайналар да колдонула баштаган.

Кыштымдардын жоокерлери жаа, жебе, тинте жана канжар менен куралданган.

Кыргыздардын мамлекети майда музапатчылыктарга бөлүнүп, бытырагандан кийин улуу держава доорунда түзүлгөн аскердик бийликтин системасы күчүн жоготту. Бирок анын айрым жөрөлгөлөрү, атап айтканда, кошуундарды түмөн-түркүмү боюнча бөлүү эрежеси сакталып калды. Ар бир музапаттын өзүнчө бир түмөн сардары түзүлүп, анын башында иналдар турган. Иналдарга баги деп аталган майда музапатчылыктар баш ийген. Иналдар менен бектердин сардарлары, букара уруулардын – кыштымдардын кошуундары биригип бир музапатчылыктын аскерин түзгөн. Себилдүү, жасактуу жоокер-сардарлар алардын уютку аскери деп эсептелген.

Жоо-жарактардын мүнөзү, аскерлердин сан жагынан өзгөргөндүгүнө жараша уруш талаасындагы аракеттердин тарыйкасы да өзгөргөн. Алыска атылчу жебелер азайып, жакын аралыкка жаа жабылтуу ыкмасы басымдуулук кыла баштады. Душман менен оро-пара туруп салгылашкан оңтойлуу болуп калды. Келеген найза, кыйгактуу каскак жоо сайыштын ургаалдуулугун арттырды. Кылычтарды колдонуу бир жагынан чабышуунун мүнөзүн курчутса, экинчи жагынан татаалдаштырды. Жалпысынан ат коюп, аламан жапырыкка салуунун өтөлгөсү өсө баштады. Ошентип, бетме-бет келип салгылашуунун ролу жогорулап, мөөнөтү узарды.

Кыргыздар бул мезгилде баш калкалар чеп-коргондорду куруп, согуш коркунучу туулганда аларга келип жашынып турушкан.

Согуштардын мүнөзү да өзгөрүп, ал негизинен коргонуу тарыйкасына өттү. Калабалуу окуялардын алкагы Саян-Алтай тоолору жана ага улагалаш жаткан түндүкбатыш Монголиянын чөлкөмү менен гана чектелген. Согуштардын масштабы олуттуу кыскарган. Алар көбүнесе үстөмдүк талашкан музапатчылыктардын ортосунда гана болуп турган. Сырткы жоонун кысымына каршылык көрсөтүү басаңдаган.

Андан кийин монгол доорундагы кыргыз кандыктары саясий өз алдынчалыгынан ажырайт, XIII–XIV кылымдарда кыргыздар Монгол оторлугунун карамагына өтөт, алардын аскерлери монгол аскеринин бир бөлүгү болуп калат. Кыргыз кошуундары монголдордун байтагы Каракорумда чыңоолдо турган. Элдин бир жамааты аскерий көчкүндөр катары Маньчжурияга жана Түндүк Кытай жергесине барып жайгашат. Өз алдынчалыгынан ажыраган соң, алардын аскер иши өнүкпөй, дымып калат.

Монгол доорундагы кыргыз жоокерлеринин негизги жоо-жарагы алеңгир жаадан турган. Темир тыктуу саадак октордун арасында үч кыйгактуу жебенин 3, жалпак жебенин 10, казык учтуу жебенин 2, төрт кыйгактуу жебенин 10, казык учтуу жебенин 2, жалын тил жебенин 1 түрү болгон. Көрүнүп тургандай, аталган мезгилде, негизинен жалпак жебенин түрлөрү көбөйгөн. Атканда буралып учкан чимирик жебелер пайда болгон. Бадана тешер колоктордун саны кескин кыскарган. Кыязы, кыргыздардын атчан кошуундары, негизинен, жеңил жасактуу жоого каршы салгылашкан окшойт. Чарайна-соот кийинген аскерге жаа жабылтуу мүмкүндүгү азайган.

Саадактын октору коломсокто сакталган, бирок алардын турмандары аталган замандагы эстеликтерден табылган эмес.

Оро-пара туруп же кырчылдашып чабышкан уруштарда кыргыздар селебе кылыч, коросон тинте колдонгон. Жоо-жарактардын калган башка түрлөрү монгол дооруна таандык кыргыз маданиятынын эстеликтеринен байкалган жок. Коргонуу куралдарынан энсиз каңылтырды кынаптап кадаган бадана менен эндүү каңылтырды сыртынан кыталап, ичинен кебез төшөп бекиткен чарайналар чыккан. Ошондой эле туулга табылган. Жоокер-кыштымдар жаа, жебе, кыңырак жана канжар менен куралданган.

Монголдор да мурдагы түрк, кыргыз каганаттарынын тушундагыдай эле кошуундар менен элдерди азиялык түмөн санагы боюнча бөлүштүргөн. Минусин өрөөнүнүн жалпы калкы биригип, бир түмөн кошуунду түзгөн. Ки йинчерээк Саян-Алтай чөлкөмү бир нече аймактарга ажыратылган. Бийликтин башында монгол оторлугунда кызматта турган төбөлдөр отурган. Кыргыздар негизги этникалык тайпа катары мурдагы абалын сактай алышты. Бирок Чыңгыз хандын тукумдарынын ич ара так талашкан чыр-чатактарына катышып, монгол оторлугунун ар кайсы аймактарына көчүрүлүп жүрүп, кыргыздар чайкалып чачылды, саны азайды. Айрым кыштым уруулары болсо, тескерисинче, акырында көбөйүп, күч ала баш тады.

Эгер курал-жарактардын мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө карап божомолдосок, анда монгол доорундагы кыргыз кошуундары негизинен чабендес жаачылардан куралган болуу керек. Тарыйка маанисинен алып караганда, алар үчүн окчундан туруп жеңил жасактуу жоону көздөй жаа жабылтуунун ролу жогорулоого тийиш эле. Кылычташкан уруштарда алар баштагыдай маш боло алмак эмес. Жоонун колу жете алгыс жерлерге курулган кыргыздардын чеп-коргондору дал ушул монгол мезгилине таандык. Бул мезгилде кыргыздардын мамлекети жоюлуп калган болчу, ошондуктан алар өз алдынча согуштук операцияларды жүргүзө алган эмес, болгону монгол аскердик сост авында жортуулдарга катышып, чыңоолдо турушкан. Көз каранды абалда болуп, калктын саны азайса да алар Минусин өрөөнүн өздөрүнүн негизги байыр кылган жери катары сактап калышкан, кийин ал жерде кыргыздардын бытыранды майда кандыктары жашап турган.

Соңку орто кылым доорунда кыргыздардын аскер иши кандай мүнөздө болгонун азырынча айтуу кыйын, бул тууралуу даректүү маалыматтар жетишсиз.

Ал эми Чыгыш Түркстандагы жана Теңир-Тоодогу (Тяншандагы) кыргыздардын өнүккөн орто кылым доорундагы аскерий тарыхы жайындагы маалыматтар жазма даректерде үзүл-кесил жолугат, көбүнесе эпостордо айтылат. Бул маселе өзүнчө изилдөөнү талап кылат.

VI–VIII КЫЛЫМДАРДАГЫ САЯН-АЛТАЙ КАЛАЙМАНЫ

Кыргыз, түрк, уйгур будуңдары,  кыргыздар жана кыштымдар

Биздин замандын VI кылымынан тартып, кыргыздардын Саян тоосунун түндүгүндөгү Ортоңку Энесай жерин байырлап турушканы тарыхта так белгилүү. Муну ак сөөк түрк будуңдарынын бири – Ашина уруусунун жазма санжырасы ырастайт. Анда айтылгандай, Надулу-Шаддын Цигу (кыргыз) ысымдуу бир тууганы «Афу жана Гянь сууларынын ортосунда» (Абакан менен Енисейдин), азыркы Койбал талаасында падышалык кылган. Бул иш V кылымдын этегинде – VI кылымдын башталышында, б. а., жужан каганы түрктөрдү «Алтай тоосунун түштүгүнө» көчүрүп келгенден кийин болушу ыктымал. Түрктөр ал кезде жужандардын букаралыгында турган, гаогюй динлиндери (теле калкы) менен болгон чабыштарга катышкан, кийин монгол жана тоолуу Алтайга көчүрүлгөн. Аскер көчкүндөрү катары алар Батыш Монголстан менен Саян-Алтай чөлкөмүндө жужан каганатынын бийлигин кармап турууга тийиш болгон. Демек, Цигунун Энесайда падышалык кылганы ал жер жужандардын карамагына киргенин билдирген.

Биздин замандын VI кылымында кыргыз маданиятынын эстеликтери Чулым дайрасынын куймаларына чей ин жетип, бүткүл Минусин ойдуңуна тарайт. Алардын составына негизинен кыргыздардын өлүктү өрттөп көмгөн салтына мүнөздүү келген чаатас коргондору, балбалдар, таш корумдар, кенотафтар, ошондой эле кышкы жана жайкы утурумдук отурук-конуштар, петроглифтер, ягамгалар, казына-кенч катылган казанактар кирет. Таштык маданиятынын тушунда жергиликтүү турган калктын жарым жамааты урук-урку жагынан аралашып кеткен болчу, анын жышааны кыргыз маданиятынын таштык үлгүсүндө жасалган эстеликтеринде сакталып калган. Мындай көрүстөндөр кийин Минусин өрөөнүнүн чет жакаларындагы токойлуу аймактарга жана Ачы-Марин жаңгел талаасына сүрүлүп чыга баштаган. Анткени жаңгел уруулары кыргыздардын букаралыгында болушкан, кыргыз мамлекетинде алар кыштымдардын (теги бөлөк кул-кутандардын) абалында жашашкан. Кыргыз бектери кыштымдардан алман алып, алар байыр кылган жерлерге талоончул жапырык жасап турушкан, туткунга түшкөн дөрдү айдап келип, өздөрүнүн чарбалык жумуштарына пайдаланган. Тан доорундагы жазма даректер кабарлап тургандай, кыргыздар кыштымдарды токойлуу аймактарда жашаган дубо, милигэ, эчжи урууларынан кармап алып иштетип турушкан». Кыргыз коомунда патриархалдык кул катары эсептелген кыштымдар өлгөндөрүн өрттөбөй жөн көмүшкөн, алардын ыскатына бирин-экин гана буюм-тайым коюлган, а кээде дегеле эч нерсе коюлган эмес. Алардын өзүнчө көрүстөнмүрзөлөрү да жок эле, өлгөндөрүн кыргыздардын мүрзөлөрүнө көмүшкөн. Кыргыз коргондорунун төрткүлдөрүнөн кээде кожоюндун ыскаты үчүн курмандыкка чалынган кыштымдардын кабырлары учурайт.

VI кылымда Энесайда кыргыздардын мамлекети курулат. Түрк адабатынын маалында жана жужан каганаты кыйраган кезде кыргыздар Борбор азиялык жаангерлердин көз карандылыгынан кутулууга жетишет. Ошол себептүү 554–555-жылдары түрк каганы Мухан СаянАлтай калкын кайра багынтуу үчүн жортуулга аттанууга аргасыз болот. Ал «кутпа жакта Цигуну басып алат», бирок түрктөр «Саяндан ашып өтө алган эмес». Болжолу, түрктөрдүн колу эртеби же кечпи, акыры басып кирерине көзү жетип, кыргыздардын кол башчысы түрк каганатына букаралыкка өттүм деп моюнга алса керек. Ошондон кийин кыргыздар салык катары аларга өздөрү жасаган «албарс миздүү куралдарды» берип турушкан. Мындай жоо-жарактардын наркы түрктөргө мурдатан белгилүү болгон, анткени аларды кыргыздар такай түрктөргө соодалап, сатып келишкен. Ошентип Минусин ойдуңу түрк каганаты үчүн темир ийлеп, жоо-жарак жасай турган базага айланат. Мындай озуйпаны жужан сурагынын маалында түрктөр байырлап турган Алтай аткарып турган эле. Кыргыз калкынан уруш-талаштарда колго түшкөн туткундарды түрктөр кулак кескен кул кылып алышкан.

Тарыхта белгилүү, 569-жылы түрктөрдүн Истеми каны византиялык элчи Земархка «кыргыз элинен» күң тартуу кылган. Ал эми каган Арслан Тобо хан 572-жылы Або хан Торэменге энчилеп «кутпа хандыгын» бөлүп берет, ага кебетеси кыргыздардын жери да кирсе керек.

Түрк мамлекети тыйылбаган ички ыйкы-тыйкылыктардын айынан биримдигинен кете баштайт, акыры 581-жылы биринчи түрк каганаты кулайт. Кыргыздар букаралык көз карандылыктан азат болушат. 583-жылдан баштап эле алар Борбордук Азиянын адыр-түздөрүнө жортуулдап чыгууну ой кыла баштайт: «Тугюдан түндүктө бийлик курган Цигу кыл чайнап кыжына өз удулун (өч алууну) күтүп жатат».

Кыргыздардын көз карандысыздыгы 629-жылга чей ин сакталды. Андан кийин алардын мамлекетин Сейяньто уруусу башкарган Телес каганаты каратып алат. Сейяньто каганы Энесайга «катуу көзөмөл жүргүзүү үчүн өзүнүн гьелифин» коёт. Ушул мезгилде кыргыз мамлекетинде болочоктогу административдик түзүлүштүн негиздери түптөлөт: «Хагас падышасынын үч министри бар эле, алар Гйеси бей, Гюйбашо бей жана Али бей эле. Мамлекеттик бардык иштерди ошолор тескеген». Сейяньтолордун сурагы анчалык көпкө созулган эмес.

Ашина уруусунан чыккан түрк амираны Чеби-кан б.з. VI кылымынын 40-жылдарында Монгол Алтай тоосуна жайланып, күчтөнүп алган соң батышта гэлолу журтун, түндүктө Гйеку өлкөсүн багынтат». Бирок көп өтпөй эле 647-жылы Чеби-кан кытайларга колго түшүп, анын музапатчылыгы кыйратылат.

Ушул учурдан пайдаланып кыргыздар Тан империясы менен түздөн-түз алака түзүүнү чечишет. Император Тхай-Цзундун сарайына кыргыз өлкөсүнүн «падышасын» Сылиф аксакалы (Эльтебер Ю.Х.) Шибокюй Ачжань келип түшөт. Император бийик мартабалуу коноктун урматына арнап той өткөрөт, «ага сол кол саркеринин (цзотунь вэйцяньцзюнь) генералы деген ардактуу наам ыйгарып, Цзянь-кунь аймагынын генерал-губернатору (дуду) кылып жарыялайт». Ичкиликке кызып алган Сылиф императордун букаралыгына өтүүнү «каалаганын билдирет».

Бирок Тан ордосу иш жүзүндө кыргыз өлкөсүндө реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Анын үстүнө башка өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына кытайлардын аскерий наамы берилгени менен, бул аларды кандайдыр бир иштерге милдеткер кылган эмес жана алардын бийлигин чектей алган эмес.

Кыргыздар андан кийинки жылдардын аралыгында да Кытайга бир нече жолу элчилерин жиберип, жылкы айдап келип сатып кетип турушкан. «653-жылы кандайдыр бир себептер менен Кытайга айдалып кеткен урукташтарын кун төлөп кайтарып алуу үчүн кыргыздар белек-тартуу артынып келишет». Император Гао-Цзун элчилердин бул сыйына жооп иретинде кытай чабарманы Фань Шанды таберик-тартуу менен кыргыздардын өлкөсүнө жөнөткөн. 675-жылы кыргыздар дагы жылкы айдап келип, аларды ар түрдүү товарларга, негизинен, кытайдын шайы, жибек кездемелерине айырбаштап кетишкен.

682-жылы экинчи чыгыш түрк каганаты куралат. Буга байланыштуу кыргыздар Борбордук Азиядагы үстөмдүк талашкан окуяларга активдүү катышып, түрктөргө каршы жоолашкан элдердин жамаатына кирген.

Түрктөргө «оң жактан (түштүктө) табгач калкы кас болду, сол жактан (түндүктө) Базкаган (баштаган) тогуз огуз журту жоо болду, кыргыз, курукан, отуз татар, кытай, татабы – баары кас болду». 688-жылы түрктөр Базкаганды талкалайт, бул чабышка кыргыздар катышпады, бирок каруу-күчүн чыңдап, шай болуп камданып алды да, каганаттын түндүк чектеринде түрктөргө каршы адабатка чыккан урууларга башчылык кыла баштады. Алардын күчтүү жоо экенин сезип, түрк каганы Капаган кыргыздардын кол башчысын каган деп атаганга аргасыз болот, ага Кутлуг кагандын кызын берет. Бул окуя Кутлуг каган өлгөн соң, 693-жылы Капаган каган түндүккө жортуул жасап, анысы оңунан чыкпай калгандан кийин болгон. Билге кагандын таш эстелигиндеги жазууда бул тууралуу мындайча айтылат: «Каган таякем барында аны менен бирге жортуулга чыктык… Көгмөндү (тоону) ашып, (кыргыз) жерине чейин жортуулдадык.

Барсбек эле. Каган деген наамды (ага) ошондо биз бердик, кичүү карындашым Канайымды (ага жар кылып) бердик. Мына ошентип кыргыз мамлекети түрк каганатына теңелип, кыргыз каганы түрк каганы менен тең деп таанылды, эки мамлекеттин башкаруучу ак сөөк уруулары кудалашып, тынчтык бүтүмгө келишти. Кыргыз каганы Барсбек тышкы алыш-бериш алакаларын жандантып, жигердүү иш жүргүзүп турду. 707, 709, 711-жылдары кыргыз элчилери Тан империясына келип кетишти. Бул кезде түрктөр Кытай империясы менен кырчылдаша чабышып жаткан эле. Түрктөрдүн ак сөөктөрү менен туугандашканына карабастын кыргыздар империяга таламдаш болуп, ал тарапта турду. «Табгач каны жообуз эле. Он ок каны жообуз эле. Бирок баарынан да күчтүүсү кыргыз каны жообуз болду. Ошол үч кан кеңешип: «Алтын жышына баралы» дешиптир. Ошентип, кеңешиптир. Эгер аны чаппасак, кантсе да ал бизди курутат. Каганы баатыр экен, акылчысы билги экен, акыры бизди кырары анык. «Үчөөбүз биригип аттанайлык, аларды (ошентип) талкалайлык» – дептир.

Түрктөргө каршы уюштурулган мына ушул жамаатчылыкта улам күчтөнүп, күр болуп бараткан кыргыздар каганатка баарынан көбүрөөк коркунуч туудурган, ошондуктан түрктөр кыргыз жерине озунуп катуу сокку урууну чечишет. 709-жылы Шад Могилян кыргыз каганына өнөктөш болуп, Туваны байырлап турган аз жана чик элин кыйратып, кыргыз жерине жапырык салып кирүү үчүн оңтойлуу аймакты ээлеп алат. Кыргыздарды камынтпай, капыстан басмакчы болуп түрк аскерлери катуу камылга көрүп, 710–711-жылдардын кышында жортуулга аттанат. Түрктөрдүн черүүсүнө айтылуу аскер башчы Тон-ёкук, ак сөөк Ашина уруусунун бекзаадалары Култегин менен Шад Могилян кол башчылык кылышкан. Тон-ёкук Энесайга кетчү туура жолду айланып өтүп, жашырынып отуруп найза бою кар жаткан Саян тоосу аркылуу, Ан дайрасын бойлой жүрүп аскерин кыргыз жерине алып кирет. «Ошентип ойлондум… Согушабыз (кыргыздар менен) дедим. Көгмен жолу бирөө эле, суук дегенди эшитип, бул жол жүрүүгө жарабайт дедим. Жер билги (жигит) издедим. Акыры чөлдөгү аздардан бир киши таптым. «Өзүм аз жериненмин, аны билем» – деди. (Ал жакта) бир бекет бар деди, (андан өтүп) Аныга (дарыяга) барат, анда конуп (чыксаңар, ар жагы) бир аттык болот» – деди. Шол жол менен жүрсө болор дедим, ойлондум. (Оюмду) каганыма айттым. Аскеримди жыйнаттым. Аттангыла!.. –дедим. Актермелден өтүп өргүттүм. Кайра атка мингизип, карды жиреп жол салдым. Күрдөөлүү жонго атты жетелеп, жөө, шыргый таянып чыктык. Эрендер (кар таптап), бийик белден аштык. Азап менен төмөн түштүк. Он түн дегенде тоо этегине араң жеттик. Жер билги (жигит) адашып, сайып салдык. Кыйналган каган өзүң баштай (таскактай) бер деди. «Ан суусу менен жүрөбүз» – деди. Шол сууну бойлоп жүрдүк. Түгөлдөнүп алмакка токтодук. Аттарды жыгачка байладык. Күндөп-түндөп желип-жортуп отурдук». Тон-ёкуктун таш эстелигиндеги жазууда бул окуя ушундайча айтылат.

Ошентип, түрктөрдүн колу кыргыз жерине күтүүсүздөн кара таандай каптап кирет. «Кыргыздарды уйкуда жатканда бастык… жолубузду найза менен ачтык». Кыргындан аман калгандары алдаалап качпай, тик туруп кармашты. «Каны, аскери жыйналып келди». «Каганы менен Суңга жышында салгылаштык, Култегин анда Байыркунун ак боз айгырын минип качырып кирди, бир эренин жаа менен атып жыкты, эки эренин (найза менен) удаа сайды. Бул чабышта Байыркунун ак боз айгыры майып болду, жамбашы сынды. Кыргыз каганын өлтүрдүк, элин алдык». Көрүнүп тургандай, Сунгадагы ушул урушта Култегин менен Могиляндын күйөө баласы – кыргыз каганы Барсбек набыт болот. Чабылган эли «күң-кул болду. Көгмен жери ээсиз калбасын деп азайган (б. а., ошондо кыйрап-кырылган – С. М.) кыргыз журтун курадык, биз келип салгылаштык, элин кайра бердик. (Кан таякеме багыштап) кыргыз канына баш кылып (моло таштын четине) кыркалап балбал койдум».

Сунга токоюндагы чабышта түрктөрдөн жеңилип, Барсбек өлүп, кыргыз төбөлдөрү Борбордук Азияга үстөмдүк орнотсок деген тилегинен кол жууду. Минусин ойдуңуна түрктөрдүн колу кирди, бардык жерге кошуундары коюлду. Саян капчыгайынан чыга берген жайыкта Энесайдын эки жээгин бойлоп, Аскиз, Ес, Ниня, Кара Июс, Уйбат, Таштык, Тес, Туба, Ут сууларынын өзөндөрүндө, ал турсун Ача-Марин өрөөнүндө жайылып тараган байыркы түрк маданиятынын эстеликтери дал ошол мезгилде пайда болгон. Адат катары алар ыскатына жылкы койгон көрүстөндөр, таш корумдар, аска бетине чегеленген чиймелер, руникалык жазуулар болуп саналат.

Түрктөр кантсе да кыргыз мамлекетин толук кыйратып жиберген эмес. Мамлекеттин башында дале кыргыз каны турган. Ал белгилүү даражада өз алдынчалыгын сактап калган, башка мамлекеттер менен саясий, соода-сатык мамилелерин жүргүзө берген, Тан империясына бир канча жолу элчилер келип кеткен. 722-жылы Тан ордосуна «кыргыз тегини Исибо Шэючже Биши Сыгин, 723-жылы Цзюйли Пиньхэчжун Сыгинь келди. Экөөнө тең аскер наамы берилди. 747–748-жылдары кыргыздар кытайга жылкы айдап келип, айырбаштап кетишти». 731-жылы түрк канзаадасы Култегиндин тажия сына «кыргыз канына Тардуш Ынанчу Чур келди». Бирок кыргыздардын аскердик күч-кубаты кыйла эле начарлап калган болчу. Өз алдынчалыгын сактап, кыргыздар 745-жылы Экинчи түрк каганаты кулаганга чейин Борбордук Азиядагы калабалуу иштерге катышпады. Ал тургай 715-жылы каганаттын түштүк чектеринде түрктөргө каршы аздар адабат уюштуруп, козголоң чыгарган кезде да алар буга аралашкан жок. Натыйжада Култегин козголоңчуларды опоңой эле басып алды. «Аз журту бизге жоо болду. Алар менен Каракөлдө чабыштык; Култегин (анда) отуз бир жашта эле; Алп Шалчынын ак боз атына минип качырып кирди, аздардын элтеберин туткундады; аз эли анда кырылды».

Кыргыздар түрк мамлекети кулап, Уйгур каганаты аларга олуттуу коркунуч туудура баштаганда гана кайрадан Борбордук Азиядагы окуяларга жигердүү кийлигишти. 751-жылы алар чик, огуз, карлук калкы менен бир жамаатка биригип, уйгур каганы Моюн-Чурдун баскынчылык жортуулдарына каршы көтөрүлөт. «Тогузогуздардын бектери (аскер башчылары) келишти, (журт башчысы) жоо болду (дешти). Кыргыздарга кишилерди жиберди дешти. «Силер (каганаттан) чыккыла (б.а., адабатка чыккыла – Г. Р.) Чиктер да аттанышсын!» Ал ушинтип айтты дешти… «Мен да (каганаттан) чыгамын». «Байкагыла, өзүңөрчө болгула! Биз силерге токойдо кошулабыз» – дептир». Ошентип жоонун сыры уйгурларга билинип калды, Моюн-Чур озунуп аракеттенди да, аларды бириндетип талкалады. Тогузунчу күнү кол баштап жортуулга чыктым, Тутук-башы аркылуу чиктерге миң эрен жөнөттүм, кыргыздарга аз аскер атказдым. «Байкагыла, – дедим, – кыргыз каны Көгмен тоосунда турат экен, алтын чатырында, ордосунда жашайт экен. «Чабендес кыраандарын» коңшуларына чаптырган экен, аларга менин эрендерим качырып тийди, чабарманын туткундады: (ошолор айтты) кыргыздардын канына, коңшуларына көп киши келди дешти, карлуктар келбеди дешти. Кан аскерин аларды чапканга аткарды дешти». Кыргыз канынын «чабандес кыраандарын» талкалаган соң, Моюн-Чур уютку аскерин карлуктарды көздөй алып жөнөйт. Ушундан улам кыргыздар менен уйгурлардын ортосундагы калайман бир кыйла кечеңдеп кетти. Акыры «758-жылы Хойху (уйгурлар – Ю.X.) алардын мамлекетин каратып алды, ошондон тартып хагас элчилери Ортолук өлкөсүнө каттабай калды». Кыргыз мамлекети уйгур каганатына көз каранды болуп, алардын каны «каган» наам ынан ажырады. «Хагас каны хоку канынан Цицсис Тунгйе Гинь наамын алды». Болжолдо кыргыз жери убактылуу мамлекеттик биримдигин жоготкон болуу керек. Уйгурлардын үстөмдүгү кыргыздар үчүн жужандар менен түрктөрдүн сурагына караганда кыйла азаптуу, оор болду.Уйгурлар бийликке келгенден тартып, кыргыздар дээрлик жүз жылга жакын түштүктөгү өлкөлөр менен карым-катнаш жасабай калды, бул мезгилде кыргыздардан Кытайга элчиликке эч ким келген эмес.

795-жылы уйгур каганатында бийлик алмашат. Яглакар уруусунан чыккан Ачжо каган каза болот, анын артында мураскор тукуму калбагандыктан кагандын тагына Я-дэ (эдиз уруусунан) тукумунан тараган аскер башчы Кутлуг шайланат. Мына ушундан пайдаланып, кыргыздар адабат чыгарат. Бул үчүн алар абдан оңтойлуу учурду тандап алат. Уйгурлар бул кезде Чыгыш Түркстанда карлуктар жана тибеттиктер менен жоолашып, чабышып жаткан эле. Каган бийлиги начарлай баштаган болчу. Эрезеге жете элек Ачжо каган кара башын алакчылоо нун камын ойлоп, ордодо аталык бийлик жүргүзүп турган Гьегяньгястын бутуна жыгылып жалынат. Ачжонун өлүмү менен Пэйло кагандын укум-тукумунун урку үзүлөт. Ачжого урук-жуураттыгы жок Кутлугдун кагандыкка шайланышы кан көтөрүүнүн каадасын бузгандык, мыйзамга ылайык келбес жосун эле. Калыбы, кыргыздар дал ушул шылтоо менен уйгур ак сөөктөрүн көкүтүп, аларды өздөрү тарапка тартып, каганаттын үстөмдүгүн начарлатууну көздөшсө керек. Мына ушундай кыйын-кысталаң шартта кагандын тагына отурган Кутлугдан Борбордук Азиядагы үстөм абалын сактап калуу үчүн ноюбас эрк, согушкердик чыгаан талант талап кылынган. Ал чынында эле ушундай кол башчы болгон. Карабалгасундагы жазуулардын кытай тилиндеги тексттеринде ага эң бийик сөздөр багышталып, ал катышкан казаттар керемет иштей сыпатталганы төгүн жерден эмес. «Адегенде Гяньгун мамлекети «(болду), анын саадак аткычтары (б. а., жоокерлери) 400 миңден ашкан. Ал (козголоң баштады) (бирок Каган) акылман, эр жүрөк, жанда жок баатыр (эле); ал бир атып койсо эле (жоонун) баары (боо түшкөндөй) кыйраган. Гяньгун каганы саадактын эпкининен (анын огунан) өлдү; уй, жылкы, эгин, курал-жарак тоодой болуп үйүлдү; (Гяньгун өлкөсүнүн) мамлекеттик иштери токтоду; анын жеринде тирүү жан калган (жок). Албетте, мунун баарын түз мааниде түшүнүү керек эмес. Анын үстүнө ушул эле жазуунун согди тилиндеги текстинде «кыргыз кагандын 200 миң саадакчысын ал жеке өзү туш-тушка кубалап, анын падышачылыгын алды» – деп айтылат. Айтор, канткен күндө да «чеч үүчү салгылашта Кутлуг кыргыздардын аскерин жеңип чыгат, бул кармашта кыргыз каны өлөт, Кутлуг көп олжого ээ болуп, уйгур каганатынын чектерин убактылуу болсо да коркунучтан арытат. Кебетеси кыргыздар уйгурларга өзгөчө коркунуч келтирип, алардын жүрөк үшүн аябай алса керек, ошондуктан алардын мизи майтарылганда кутулбас куядан арылгандай көрүп, бул кармашуунун майда-баратына чейин көтөрө чалып, даңазасын ашырып айтышса керек. Энесайдын сол жээгинде, кыргыз кагандары көмүлгөн мүрзөлөрдүн арасынан жана алардын жака-белинен табылган кабырлар уйгурлардын дал ушул мезгилден, Кутлуг кагандын Минусинге жасаган жортуулунан калган эстеликтери сыяктанат. Аларга өлүктөрдү уйгурларга мүнөздүү келген салтка ылайык, жылкынын териси менен кошо көмүшкөн.

Ушундан кийин кыргыздардын кол башчысы кайрадан «кан» наамынан ажырап, «ажо» деп аталып калат.

Б.з. VI–VIII кылымдарында кыргыздар Борбордук Азияд агы көчмөндөр менен жоолашып, көп жолу жеңилген, эчен курдай өз алдынчалыгынан ажыраган. Буга аскер күчүнүн аздыгы, алардын аскердик жактан начар уюмдашканы, дасыкпаганы, коргонуучу оор жаракжабдыктардын жетиштүү колдонулбагандыгы себепкер болгон. Мындан тышкары кыргыздарга аталган мезгил аралыгында иш жүзүндө эки фронтто салгылашууга туура келген. Түштүктө жужандарга, түрктөргө, уйгурларга каршы уруш жүргүзүп, түндүктө такай бомалар менен жоолашкан. Бомалар кет жана самодий урууларынын конфедерациясы болуп саналган, аларды угор калкынын аскерий төбөлдөрү бийлеп турган. Бомалардын шаркети мамлекет деңгээлине жетпегени менен аскердик күч-кубаты жагынан олуттуу жоо болгон. Муну репкин маданиятынын эстеликтери, өзгөчө курал-жарактар катылган жайлар ырастап турат. Ошентсе да кыргыздар өздөрүнүн тарыхый тагдырындагы оомал-төкмөл кезеңдерге, кы йынкыстоо кырдаалдарга карабастан буркан-шаркан түшкөн мына ушул доорлордо элдигин, маданиятын, мамлекетин сактап, айлана-тегерегиндеги этникалык тайпалардын арасында алдыңкы абалда туруп, Орто Энесай жергесине бекем байыр алып, аны тургундап келди. Тыйылбаган калаймандуу согуштар жерлерди ээн калтырып, элдерди чайпалтып-чачылтып турду, ошол эле учурда кыргыздарды этникалык жактан биримдешүүгө алып келди. Түрк каганаты талкаланып, тыйпыл болгондон кийин түрктөрдүн бир бөлүгү Минусинде калды, алар акырындап отуруп кыргыздарга урук-жуурат болуп жуурулуп, б.з. миң жылдыгынын этегинде жугу калбай аларга биротоло жутулуп, сиңип кетти.

Саян-Алтай чөлкөмүнө ээлик кылуу үчүн жүргүзүлгөн күрөштөрдүн тажрыйбасы кыргыздарга этникалык бир бүтүн журт катары аман калууга, андан кийинки доорлордо болуп өткөн тарыхый окуяларга катышкыдай көрөңгөсүн, күчүн сактап калууга мүмкүндүк берди.

УЛУУ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ

Кыргыздар Азия жайыгында

 

Биздин замандын IX–X кылымдары кыргыздардын тарыхында өзгөчө орунда турат. Бул мезгилди В.В.Бартольд адилеттүү түрдө «улуу кыргыз мамлекетинин» доору деп атаган. Ал чынында эле кыргыз тарыхынын жылдыздуу сааты болгон: уйгурлар менен жоолашып, узакка созулган согуштарда кыргыздардын жоо-жарагы таң каларлыктай жеңиштерге жетишкен. Борбордук Азиянын көз кайкыткан бүткүл түзөң жайыгында кыргыздардын ооматы жүрүп, зоболосу көкөлөп турган. Дал ушул доордун даңазасы менен алар тарыхка өчпөс изин калтырган, ошол орто кылым кезеңиндеги элдердин санжыра-санатына кирген, соңку жаңы дүйнөдө болсо такай тарыхчылардын көңүлүнөн түшпөй келет.

Кыргыздардын Борбордук Азиядагы тарыхына кызыгуу кайсы бир элдин этно-маданий жактан өнүгүшүн изилдеп-үйрөнүү менен гана байланышкан иш эмес, анын алкагынан алда канча алыска чыгар маселе. Анткени IX–X кылымдардагы кыргыздар себепчи болгон окуялар бүткүл Борбор Азия жайыгындагы этномаданий өнүгүү багытын кескин өзгөрттү; уйгурлардын Чыгыш Түркстандан Байкалдын атырабына чейинки аралыкка таруудай чачып бытыратты; кымак шаркетчилигинин биримдешүүсүнө көмөк берди; кыргыздар үчүн Теңир-Тоого (Тянь-Шанга) жол ачты да, монгол тилдүү көчмөндөрдүн дүйнөлүк тарыхтын кан жолуна аттанып чыгар алдындагы шаңдуу шоокуму болуп берди. Келберсиген кеңири аймактын тарыхында биринчи мерте түндүктүн алыскы түпкүрүн – Минусин ойдуңун байырлап турган үркөрдөй бир ууч көчмөн эл үстөмдүк абалга жетти.

IX кылымдын 20-жылдарында кыргыздар уйгур бийлигине каршы адабатка аттанып чыгат. Ушундан кийин алардын ташы дамамат өргө кулап отурду. «Хойхунун иши керагер тартып калды эле, Ажо ошо замат өзүн – кан, энесин, Туцишини – жесир каныша, аялын, Гэлушех кызын – канайым деп жарыялап салды». Ошентип согуш башталды да 20 жылга созулду. Буга кыргыздар демилгечи болгондуктан, алар мамлекеттин ички бийлигин борборлоштуруп, узак убакыт бою шайма-шай даярдык көрүп, Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга бүт күч-аракетин топтоштурууга мүмкүндүк алгыдай болуп камданса керек деп болжолдоого болот. Мына ушундан улам «кыргыздарда аскердик-административдик бирдиктүү система түзүлгөн, ага жараша жоокерлер менен жалпы калк түмөн-түмөн кошуундарга бөлүштүрүлгөн. Албетте, мунун баары өзүнөн өзү боло калган эмес, күчкө салууну, мажбурлоону талап кылган. Анын сыңарындай адегенде Ажо кыргыз бектерин, кыштымдардын уруу башчыларын баш ийдирген, чек араны чыгыштан, түндүк жана батыш тараптан кеңейтүү аркылуу мамлекеттин ички оорук жагы чыңдалган.

Чыгышта Кан дарыясынын алабы түндүктө Ача-Марин жайык жыш, Ангаранын куймаларына чейинки бүткүл Энесай өрөөнү кыргыздардын ээлигине өткөн. IX–X кылымдардагы кыргыз эстеликтери дал ушул аймактардан табылган. Батышта жана түндүк-батышта Томдун жакабели Обь дайрасынын алабындагы токойлуу-талаалар кыргыздардын карамагына кирет. Алар бу жерден бома элин багынтып алышкан. Кыргыз маданиятынын шарапат-шарпасы менен курулган эстеликтер бул аймактарга кенен-кесири таралат.

Кыргыздар эң ыңгайлуу кырдаалды күтүп туруп, «схойху кыйрай баштаган» кезде согуш ачышкан. Уйгур каганатында ички ыйкы-тыйкылыктар тыйылбай төң көрүштөр кутумдук иштер күч алып, анын үстүнө тибеттер менен чабышып, ал оңунан чыкпай мамлекет абдан алсырап турган кез эле. VIII кылымдын акырынан тартып, Яглакар уруусу менен эдиздер урку так талашып, эрегишип келишкен. Кыргыздар уруш баштаганга чейинки отуз жылдын ичинде алты каган, адабат жылдарында дагы алты каган бийликтен оошкон. Кыргыздар уруш ачканда тибеттиктер да уйгурларга катуу дүмөк салып, кысып кирет. Балким, алар өз ара макулдашып жортуул уюштурган чыгар, анткени тибеттиктер кыргыздар менен жакшы алакада болушкан. «Алардын мамлекети Даши, Туфания жана Гэлолу менен дайыма достук ымала жүргүзгөн, бирок туфандыктар Хягас менен катташканда хойхулардын талоонунан коркушкан, ошондуктан Гэлолудан коштоочуларды алышкан».

821-жылы Орхон дарыясынын өрөөнүнө тибет аскерлери басып кирет. Анын айынан уйгур мамлекети аз жерден ойрону чыкпай аман калат. Тибеттердин аскерине кол башчылык кылган Шан-шаңзан уйгурлардын күчүн анчалык бийик баалаган эмес: «Уйгурия чындыгында чакан өлкө. Бир кезде мен ага жортуул жасап урушканмын, алардын байтагына жакындап кирип барып калган элем, капысынан падыша каза болду деген кабар жетип, өз жериме кайтууга туура келди. Аскерий күчү жагынан алганда бул мамлекеттин жадесе биздин атаандашыбызга да алы жетпейт».

Уйгурлардын күчтөн тайып алсыраганына карабай кыргыздар менен болгон согуш создугуп кетти. Эки тарап Тува жеринде айкашып, чабышып турду. «Хойхулардын каны көп кол курап, министрин жоого атказды, бирок ал ийгиликке жете албады. Кан жыйырма жыл согушту.

Акырындап оомат кыргыздарга оой баштады. Жеңишке демденген Ажо кабар айттырды: «Сенин күнүң бүттү. Жакында мен алтын ордоңду аламын, алдына атымды байлап, туумду саям. Эгер мени менен кармашканга карууң болсо, токтоосуз келгин, эгер кармаша албасаң, тезинен кеткин». Жоодо жолу болбой, уйгур каганатында ырк кетип, бийлик ыдырай берди. «Бао-И өлгөн соң тактыга Чун-дэ каны отурду, ал төрт жыл кандык кылып, 825-жылдын башында каза болду. Ага мураскор болуп иниси Гэ-са Торэ шайланды, кагандын тагы – Чжао-ли канга тийди, 832-жылы ордодогу кутумдардын бузукулук иштеринен курман болду. Анын бөлөсү Ху-торэ кандыкка келди, 839-жылы биринчи министр Гюй-ло-фу ага каршы жаңжал чыгарып, Шатону жардамга чакырып, күчтүү кол курап, Карабалгасунду көздөй аттанып жөнөгөндө өзүн өзү өлтүрүп тынды. Гюй-ло-фу эрезеге толо элек Кэси-торэни кан көтөрүп такка отургузду да, анын атынан мамлекетти башкара баштады». Согуш уйгур каганатын экономикалык жактан да кедерин кетирди. «Ошол жылы жут болду, андан соң оору чыгып, кар калың түштү, кой, жылкы боо түшүп кырылды». Аңгыча Гюй-ло-фунун аталык бийлигине моюн сунбай уйгурлардын кыргыздар менен чабышып жаткан аскерине кол башчылык кылып жүргөн Гюй-лу Мохэ адабат чыгарат. Ал кыргыздар тарапка өтөт. Гюй-лу Мохэнин чыккынчылыгы уйгурлардын борбору Орду-Балыкка көздөй кыргыздарга жол ачат. «Хойху каны согушту уланта албады. Акыры анын аскер башчысы Гюй-лу Мохэ кыргыздардын Ажосун хойхулардын ордосуна алып келди». Ал «хагастар менен биригип, 100000 атчан кол менен хойхулардын шаарын басты, канды өлтүрүп, Гюй-ло-фунун башын алды, анын ордосун өрттөдү». Орду-Балыктын алдындагы чоң чабышта кыргыз кошууну уйгурларды талкалайт. «Кан салгылашта өлдү, анын Дэлеси алдаалап качты». Кыргыздар ОрдуБалыкты алып, кыйратып күлүн көккө сапырды. Уйгурлардын байтагына жамаатт аш дыйканчылык аймактар да майкандалды. «Ажо өзү башчылык кылып, ордосуна жана канышанын отурук жайына от койду. Ушул урушта кыргыздарга көп олжо тийди.

«Хойху каны демейде алтын чатырда отурчу. Ажо анын бардык казына-мүлкүн олжолоп, Тай хэ канышаны туткундап алды; ошондон соң өзүнүн ордосун Лао-Шань тоосунун түштүк этегине көчүрүп барды». Уйгурлар тополоң түшүп, тоз болду. Хойху журту чабылып-чачылды». Кэчжили тегин баш болгон уйгур, телес журтунун чакан жамааты Байкалдын атырабына, Хучо тегин баштаган экинчи тобу Түштүк Маньчжурияга кидандардын жерине кире качты. Алардан бөлөк дагы эки тайпасы түштүк-батышка, Тан империясынын чек арасына жакын жактарга ооп кетти.

Мурдагы каган аймагына караган уйгурлардын он үч уруу тайпасы, анын ичинде Яглакар тукумундагылар «У-цзэ тегинди каган кылып көтөрүп, Цоцзытань тоосунун түштүк өндүрүнө келип жашынышты. Ормузд, Наир Чур, Чисин жана Буку баштаган уруулардын жамааты өзүнчө бөлүнүп качат. Яглакар тукумунан чыккан бектердин жетегинде дагы бир уйгур уруусу Алашандын жака-белине качып келет, алар кийин X кылымдын башталышында бул жерде Ганьчжоу уйгур кандыгын түзүшөт. Уйгурлардын экинчи бир тайпасы Эдзин-гол дарыясынын өрөөнүнө корголоду. «Уйгур министри Сачжи (Тан импе раторунун) бөлөсү Пан тегин, анын беш бир тууганы Наньлу, Эфен жана башкалар» менен бирге уйгур, эдиз, буку тонгра сыяктуу он беш тайпа элди баштап, Чыгыш Түркстанга кирип кетет. Дал ушул сүргүн уруулар кийин баш кошуп Турпан уйгур шаркеттигин курашат. Уйгурлардын жана телес тукумунан тараган уруулардын кай бир бөлүгү батышка, Иртыштан ары кинактардын жерине өтө качып кутулат. Ал эми кыргыздар тарапка өткөн уйгурлар менен телес урууларынын айрым бөлүгү Монголияда калат. Алардын анчалык көп эмес жамаатын кыргыздар Минусин ойдуңуна көчүрүп кетишкен. Минусинде ошол учурлардан алардын көрүстөн эстеликтери калган.

Орду-Балыкты чаап алган соң кыргыз каганы уйгурларды толук талкаладым деп эсептеп, өз ордосун Монголияга көчүрүп келет да, Тан империясы менен дипломатиялык байланыш түзгөнгө аракет кыла баштаган. 841-жылы уйгур кагандын туткунга алынган аялын – теги жагынан Тан династиясынын тукумда рына кирген император Сянь-Цзундун кызы, кытай канайымы Тай-хэгунчжуну жоокерлерди коштотуп, Дулюй Шихэни башчы кылып дайындап төркүнүнө жиберет. Муну менен кыргыздар, сыягы, бүткүл бийлик эми алардын колуна өткөнд үгүн Тан императоруна билдиргиси келсе керек.

Айтор, Тай-хэ канайым дипломатиялык жана согуштук аракеттердин маанилүү объектиси болуп калат. У-цзе кагандын тобундагы уйгур жамааты бул учурда кыргыздарга каршы жигердүү каяша көрсөтө баштайт. Ал кыргыз чабармандарын жолдон тосуп талкалайт да, Тай-хэни туткундап, аны өзүнө аял кылып алат. У-цзе каган муну менен Тан императоруна ары колдоо, ары коргоо тапкысы келген. Уйгурлардын кыйын-кыстоо абалда калганын билген Тан өкмөтү аларды өз бийлигине өткөрүп, баш ийдирүүнү көздөйт. 842-жылы ноябрда Тянь-дэцзюнь аскер отуругунун чек арадагы сепилине кыргыз каганынан кат алып, Табу Хэцу (Тану Алп Сол) чабармандыкка келет. Каган өз катында Тай-хэ канайымдын кабарын биле албай, аны издетип атайын аскер жөнөткөнүн билдирген, «Кыргыздар генерал Табу Хэцзуну жана башкаларды Тянь да аскер отуругунун сепилине жиберишти… ага кошумчалап Хэло дарыясына көчүп барып, эски уйгур мамлекетинин жеринде жашамакчы болуп жатканын; анын үстүнө беш уруу эл – Анси (куча), Бэитин (бешбалык), дада (татарлар) жана башкалар аларга баш ийип беришкенин кабарлады». Ушул маалыматка караганда 842-жылы эле Чыгыш Түркстандын бир катар аймактары, ошондой эле Чыгыш Монголияда, Гоби чөлүнөн түштүктө, Алашандын жака-белинде байырлап турган татарлар кыргыздарга караган. Муну менен бирге кыргыздар Хэлоч уань уйгурлары жашаган, алардын Хэдун сепили турган Эдзин-гол дарыясынын өрөөнүнө көчүп барууга ниет кыла баштаган. Экинчи бир жазма даректер кыргыздар буга чейин эле Эдзин-гол өрөөнүн ээлеп алышкан деп айтылат. «Кыргыздар Хэло дарыясына көчүп келди, эски уйгур мамлекетинин жеринде турат, ага кошуп беш уруу элди – Анси куча), Бэйтин (бешбалык), татар жана башкаларды каратып алды деп Табу-Хэцзу айткан». Кыязы, кыргыздар уйгурларды кубалап, Монголияга гана эмес, ошондой эле Алашандын атырабына, Чыгыш Түрк станга чейин жортуулдап кирип келишкен болуу керек. Анткени алардын аталган аймактардан табылган эстеликтери да ушул мезгилге туш келет. Тан сарайындагылар ушул жагдайдан пайдаланып, уйгур каганы У-цзени баш ийип берүүгө көндүрмөкчү болушат. Ага жиберилген кабарда мындайча айтылат. «Кыргыздар азыр уйгур каганын жообуз деп эсептейт. Канайымдын кабарын билмекчи болуп токтоосуз жортуулга чыкмакчы болуп жатышат. Бардык көчмөндөрдөн кол курап, түштүктү көздөй, чек ара боюндагы капкаларга чейин сыдырга салып кирмекчи. Азыр кагандын эли ач, аскери аз, эгер түмөн жоо капысынан качырып кирип келсе анын мизин кантип майтара алмаксыңар? Улуу Тан империясынын күч-кубаты гана кыйын абалда жардам боло алат». Уйгур каганына ачык эле кеңеш беришти: «Кеч боло электе биздин улуу мамлекетибизге баш ийип бергениңер жакшы болор, ошондо өзүңөрдү коркунучтан куткарасыңар… Эгер кыргыздардын кабарын көрөбүз десеңер, аны көчүрүп жазып, дароо силерге жөнөтөбүз». Бирок У-цзе кагандын көздөгөнү таптакыр башка болчу. Ал бүлүнгөн уйгурлардын күчүн бириктирип, Тан империясынын колдоосуна таянып, кыргыздар менен чабышсам деп ниеттенди. Императордун азык-түлүк жагынан жардам кылышын сурап, Тяньдэ сепилин Тай-хэ канайым экөөнө убактылуу барымтага берүүнү өтүндү. Бирок уйгурлардын башка уруу башчылары У-цзенин бийлигин кабыл алгысы келбей, адабат чыгарышты. «Уйгур министри Чисинь, ошондой эле… Буку менен Наир Чир тегин калкты У-цзеге моюн сунбагыла деп үгүттөдү. Чисинь кытайлардын чек арасын бузуп, кол салмакчы болду». У-цзенин буйругу боюнча Буку менен Чисиндин башы алынды. Бирок ал элдин баарын баш ийдире албады, анын үстүнө уйгурлардын дагы бир уруу башчысы Ормузд Тан императорунун букаралыгын кабыл алууга ыктыярын билдирди. Кытайлыктар болсо уйгурлардан күчтүү кол курап, чек арага танапташ турушун каалаган эмес, ошондуктан алардын ички-тышкы тыйкылыктарын күчөтүүгө ынтызар болгон. Бөлүнүп жарылган урууларды бириндетип баш ийдирип алуу аларга оңой болмок. У-цзе каган багынып берүүгө ыктыярын билдирбеген соң… «ага (У-цзеге) аштык бербеди, анын эли ач калды». Аргасы түгөнгөн уйгурлар 842-жылдын күзүндө Тан империясынын чек арасын бузуп, кол салышат. Буга бир жагынан азык-оокаттын тартыштыгы, экинчиден, Ормузддун кытайлар тарапка өтүп кеткени себепчи болду. У-цзе каган аны өзүнүн кол алдындагы адамы деп эсептеп жүргөндүктөн, Ормузддун бул жоругуна абдан арданган болуу керек. Анын үстүнө уйгурлардын калган башка уруу башчыларын да Тан мамлекети айла-амалга салып, баш ийип берүүгө муют а баштаган эле. Минтип отурса У-цзе каган бийликтен кол жууп, коколой өзү калмак. Ошондуктан «сегизинчи айда каган элин баштап Батоуфенден түндүктү карай жүрүп, Датунчуань аймагына басып кирди, ал жердеги кул-кутандардын түмөндөгөн мал-жандыгын, жылкысын жыйып алып сүрүп айдап кетти. Анан багытын өзгөртүп, жортуул салып жүрүп отуруп Юньчжоунун капкасынан чыгат. Шаардын кол башчысы Чжань Сянь-Цзе сепилдин дарбазасын жаап, коргонуп калат. Тутхундар менен дансяндар үй-бүлөсүн алып, тоо арасына жашынат». Уйгурлардын талоончул жапырыгынан көчмөн элдер – Тан империясынын букаралары гана жабыр тарткан. Федераттардын, анын ичинде кытай тарабына өткөн уйгур кошуундарын мобилизациялап, император У-цзе каганга каршы кол жиберет. Ючжоу аймагындагы кытай аскеринин кол башчысы Чжан-Чжуну «Чисин элинин калган-каткан жамааты, ошондой эле У-цзе каганга баш ийген урууларды, бардыгы болуп 30 миңден ашуун адамды багынтып алды. Аларды ар кайсы провинцияларга бөлүп таратты». Кытайларга Ормузд активдүү көмөк көрсөттү, ал кытай наамын алып, Ли Сы-чжун аталды, «кагандын букаралыгындагы калктарды баш ийүүгө көндүрмөкчү болуп, бир нече ирет уйгур көчмөндөрү турган аймактарга жоо уулап барып турду». Ал У-цзе кагандын өзүнө каршы уюштурулган жортуулдарга да кол башчылык кылды. «Лю Мянь шато кошуундарынын бир бөлүгүн Ли Сы-чжундун (Ормузддун) колуна толуктоо кылып бөлүп берди». Уйгурлардын дагы бир уруу башчысы Аявир (Ли Хуншун) да кытайларга талапташ болуп урушуп турду, жеңиштерге жетишти. У-цзе каганга каршы жортуулдарга башка да букара уруулар: шато, тугухун, циби, тоба калкы катышты. Империянын бириккен аскерлери Ши Сюндун кол башчылыгы астында У-цзенин колун сүрүп, куугунтуктап отуруп, Шахушань тоосунун этегинде жетип талкалады. 10 миң адам набыт болуп, 5 миңдейи колго түштү. Мал-мүлктүн баары туткунга алынып, олжо болду.

Чабылгандан калган уйгурларды баштап, У-цзе каган шивэй уруусунун бир тарамы – хэйчэцзы элин көздөй Чоң Хинган тоосунун түштүк-батыш өңүрүнө качты.

Ушул казаттагы жеңиштин урматына арнап император өзүнүн аскер башчыларын сыйлык берип куттуктады. Алардын арасында Ли Сыч-жун (Ормузд) да бар эле. Бирок «анын аскери таратылып, чек ара бойлорундагы ар кайсы генерал-губернаторлордун (У-цзеду) карамагына бөлүнүп берилди. Букаралар тамак-аш алууда ар кайсы губернаторлорго көз каранды болуудан коркушкан, ошондуктан козголоң чыгарышты, Хутохэ дарыясындагы чоң өзөндү басып алышты. Лю Мянь козголоңчулардан 3000 кишини тирүүлөй жерге көөмп өлтүрдү». Уйгур бектери Панцзюйчже, Алтун Нин, Мицзе Кэдунь, Цао Мони жана башкалар эли менен ар түрдүү провинцияларга көчүрүлүп, туш-тушка таратылды. Чыккынчылыктын акыбети акыры келип ушуну менен бүттү.

Бул аз келгенсип кытайлар ошол букара уйгурларды күчкө алып ассимиляциялашкан. «Алар (уйгурлар) Тинчуань (Шэньси) жеринде жашап турган чакта күйөөгө тие элек кыздары алдын ала ханьцылар менен зына кылууга тийиш болгон. Алардан бир канча уул төрөп, 30 жашка келгенде гана өз уруусундагы эркектерге күйөөгө чыккан. Кызын сурап, куда түшкөнү келгендерге колуктунун атаэнеси: «Биздин кызыбыз баланча менен, түкүнчө менен зына кылган, – деп мартаба кылып айтышкан. Ал канча көп болсо, колуктунун кадыры ошончолук бийик болгон. Салт ушундай эле». Ошентип, Тан империясы үчүн уйгурлар эми коркунуч болбой калды. Бирок кытайлар алардан дале болсо кооптонуп, кыргыздар менен өнөктөш болууга умтулушат. 843-жылы март айында кыргыз каганынан кат алып Кытайга алардын элчиси Чжун Хэсу (Чугу Алп сол) келет. «841-жылы такка отурган император Вуцзун буга аябай кубанды, ошондуктан алыскы өйүздөн белекбечкек артынып келген элчини Бохай королевствосунун элчисинен өйдө отургузду. Жооп кайтарган катында император Вуцзун кыргыздардын уйгурларды талкалаганына канааттанганын билдирген. «Көп жыл бою (Сиз) күч жыйнадыңыз, (уйгурлардын ыңгайсыз) жагдайынан пайдаланып көтөрүлүп чыктыңыз да, тез эле кекээр-кээриңизди чыгардыңыз, катылуу оюңузду (бизге) ачтыңыз. Уйгурлардын ордосу таш-талкан болгон соң, «(эми) биздин эки өлкөнүн ортолугундагы тоолор менен дайралар (бизди) бөлө албайт. Бири-бирибизге коңшу болгондуктан, табериктартуу алып, кабарлашып турмакчыбыз деп үмүттөнөм». Ошол эле катында император кыргыз каганын уйгурларды түгөл кырып-жоюуга тукурат: «Бирок (биз) чочулайбыз, качкындар кайра жамандык апкелер, өлкөңүзгө кол салып, өч алгысы келер. Буга сиз да катуу камданышыңыз керек, тымызын амалын таап, биргелешип (уйгурларга) кол салып талкалайлы, алардын тамырын жулалы, кийин балакет салбасын». 843-жылы апрелде кытайлыктардын элчиси Чжао-фань кыргыз өлкөсүнө келип, хэхэс (кыргыз) канына императордун катын тапшырат. Анда мындай деп айтылган: «(Мен катты окуп, кандын Чоң Жетиген алдындагы аймакта (б. а., түндүктө) төрөлгөнүн, ызгаардуу талаада жашаганын билдим, (Сиздин) акылыңыз, ой-мүдөөңүз теңдешсиз, талантыңыз керемет. (Сиздин) айбатыңыз кутпадагы өлкөлөрдү титиретти, даңкыңыз Түндүк капкага (кытай борборуна) угулду». Ушундай көшөкөр сөздөрдөн соң, император уйгурларды жамандап, аларды жок кылууга чакырат: «Уйгурлар… теңирин тааныбай кетишти, бардык (биздин) букара элдерге ырайым кылбас болду. (Мен) билдим, сиз укумдан-тукумга (алар менен) касташып жүрөсүз. Өч алгыңыз келсе, алардын мамлекетин, шаарларын кыйратыңыз да падыша болуңуз, алардын башчыларын эң алыска, чөлдөргө кууп салыңыз. Уйгурлардын миңге жетпеген аскери калды. (Алар) тоолорго, өзөндөргө качып кетишти. Сиз, кан (аларды) жек көргөн соң, жапайыларды түгөл кыруу керек. Эгер күкүмү калса, анда кийин сөзсүз балакет чыгат». Ошол эле 843-жылы кыргыздардын элчиси Вань Ухэ (Ургу Алп) келгенде каганга кытайлар дагы бир кат жөнөтүп, уйгурлардын турган жерин кабарлашат. Адаттагыдай эле ал да мактоо сөздөр менен башталган. «Кандын өнөрү укмуш, эрдиги айласыз. Туулгандан эле баатырлыкка жаралган. Эр жеткенде күчү ташып даңкталды, акыры кутпа жерине бейкуттук орнотту, уйгурларды жексен кылды». Андан ары кытай императору кыргыз каганын уйгурларды бардык жерде укум-тукумун калтырбай сөөгүн сөпөт, устуканын упат кылууга шыкактайт: «Уйгурлар азыр тукум курут боло элек, туфандар менен кытайлардын ортосунда турушат. Алардын күчүнөн жада калса хэйчецзилер да эбактан бери коркушат». Кеп бул жерде Турфандагы, Ганьчжоу, Хэ-лочуан жериндеги жана түштүк-батыш Хингандагы уйгурлар туурасында болуп жатат. «Уйгурлар азыр биздин мамлекетибизге чыккынчылык кылып, жообуз болду (Алардын) тамырын кыркуу керек, ошондо гана бейкуттук болот. Ансыз да көк теңир аларга өлүм (жиберди), аларга кол салып, басып алуу оңой.

Сиз, кан, оңтойлуу учурду пайдаланып, аларды тезинен кыйратпасаңыз болбойт. Уйгурлар таш-талкан болмоюнча Сиз, кан, жайчылыкта ичип-жеп, ээн-эркин аң уулап, чер жаза албайсыз. Жоого аттанар болгон соң шашылган жакшы.

Бирок чочуйм, Сиз, кан, багынгандын баарын кырып сала албайсыз го, күнөөкөрлөрдү кечирип, качкын бектерди өзүңүзгө алышыңыз мүмкүн, бул биздин нааразылыгыбызды пайда кылып, чек арада калаба чыгарышы мүмкүн. Бул уу жыланды асырап, жамандык кылуу болот.

Былтыр уйгур министри башка да бирөөлөр кытай элчисине айтыптыр, Ли Цзин Сели – канды туткундап алгандан кийин өлкөдө болгон 20–30 эле киши калды деп, бирок (алар) кайра жабалактап чыкпадыбы?

Дагы уктум, хэлочуань уйгурларынын ордосу толук ойрон болбоптур. (Алар) өз жерин ойлошот экен, кайтсак деп эңсешет экен. Бул аймакты (элди) тезинен күм-жам кылуу керек, күкүмүн калтырбай күлүн сапыруу керек, ошондо ийгиликке жетебиз, алардын тилегин таш каптырабыз. Сиз, кан, аларга абалтан өчсүз, өзүңүз ашкан баатырсыз». Ушундай маанидеги көшөргөн көкүтмөлүү

 

сөздөр акыры кыргыз каганын муютса керек, ал уйгур ларга каршы жортуулга аттанам деп убадасын берет. Муну 843-жылдын августунда «Сяцзясыларга багышталган каттан» баамдаса болот.

Андан соң (катыңызда) Сиз айтыпсыз: «(Биз) коркунучту жок кылгыбыз келет» – деп. Бул эң сонун сөз. Уйгурлар түндүктө баатырлык кылып, бийлик куруп келишти.

Сиз, кан, алардын ордосун чаптыңыз, кегиңизди алып, максатыңызга жеттиңиз. (Сиздин) бул ишиңиз баарынан ашып түштү, баатырлык даңкыңыз түндүк өлкөлөрүн таң калтырды. Эми мындан кийинки иштерди ойлонуу керек. Быкшып күйгөн курумшуну таштап кетсе болор беле? Хэйчецзы журту ырайым күтпөйт, күч тилебейт, жоо болуп кала берет. Баш ийип бербеген соң, бул Сизди тоготпогону. Эгер ушуга чыдай турган болсоңуз, анда чыдабай турган эмне калат?

Мен ойлойм кан, Сиз (күн мурунтан) алардын кыйын абалынан пайдаланып, тандалма атчан аскериңизди атказып, уйгурларды качканы үчүн жазалайсыз, дароо багынып бербегени үчүн хэйзецзы элин да жазалайсыз. Жоготконду тапкандай, буга (жетүү да оңой). (Ошондо) кызыл кыргын экинчи чыккыс болот. Ошондон тартып баары тынчыйт.

Биз дагы бир ишти билдик, быйыл күздө (сиз) уйгурлардын ордосуна көмөкчү болуптурсуз, алардын улуу өлкөсүн кыйратмак болуптурсуз. Бирок (Сиз) эски жериңизде калсаңыз деле бөлөк элдер (сиздин) кудуретиңизден коркуп турмакчы.

Жана да бир кабар уктук. Уйгурлар Ансыга качсак деп ниет кылып, тымызын жатыптыр. (Мен) ойлойм, сиз басып киргенде алар алдаалап качып берет. Жолдон баарын туткундап кыруу керек».

Каттан көрүнүп тургандай, Тан бийлиги кыргыздарды уйгурларга гана турсун, хэйчецзы элине каршы да тукургусу келген. Ошол эле учурда кытайлар кыргыздар менен жуук коңшу болуудан чочулашкан, ошондон улам аларды «эски жеринде» эле калса деп тилешкен. Ошол эле 843-жылы кыргыздар кайрадан казат жүрүп, жоо сүрүп Чыгыш Түркстанга басып кирет. Куча жана Бешбалык шаарларын камап алышат. Бирок бул Тан империясынын нааразылыгын пайда кылып, анын аягында калаймандуу казатка айлана жаздап барып токтойт. 844-жылы апрелде кыргыздар Тан сарайына Дидэ Исынаньчжу (Тутук Иынанчи) баш болгон жаңы элчилигин жөнөтөт, кытайлар ага уйгурларга каршы Маньчжурияг а биргелешип жортуул жасоо жөнүндө сунушун айтышат. Бирок кыргыздар андан баш тартып, өздөрү үчүн алгылыктуу жолду тандап алышат да, Хэ-лочуань уйгурларына кайрадан калайман салып, аларды Эдзин-гол дарыясынан сүрүп чыгышат. 846 (847)-жылы У-цзе каган өлөт. Бул тууралуу жазма даректеги божомолдун биринде аны уйгурлардын кытайлар тарабына өтүп кеткен кол башчысы Ли Хун-шундун (Ая-вирдин) тукуруусу менен хэйчецзы элинин кишилери өлтүргөн делинсе, экинчи бир божомолдо башкача айтылат. Ага ылайык: У-цзе «Ючжоу отуругунда жеңилип калат. Кара сүргүндөн аман калганы талаада каңгып, ачып-арып азап чегет. Ошондо уйгур министри Мэйцюаньчже Инанчынын буйругу менен уйгурлар У-цзени Цзиньшань тоосунда өлтүрүшкөн». 847-жылы кыргыз каганы каза  болот. Анын тан императорунан алган наамы Цзунин Хюн-Ву Чен-мин кан деп аталган. Жаңы каган Инву Чем-мин кан атка конот.

У-цзе каган өлгөн соң 3 миңге жакын уйгур чогулуп, анын иниси Энян тегинди кагандыкка көтөрүшүп, си элинин жерине көчүп барат, 847-жылы кытай кол башчысы Чжан-Чжун-у си элине жортуул жасап, басып кирет. Уйгурлар шивэй жерин көздөй качканга аргасыз болот. Чжан Чжун-у 849-жылы шивэйлерден качкан уйгурларды кармап берүүнү талап кылат. Бирок Энян каган «аялы Гэ-лу, уулу Ду-сы болуп, бардыгы тогуз киши батышка качып кетишет», калган уйгурларды жети уруу шивэй эли кул-күң кылып бөлүп талап алышат. «Үч күндөн кийин Энян тегинди, уйгурларды алмакчы болуп кыргыздардын министри А-бо ар түрдүү уруудан куралган 70 000 кол баштап, Тяньдэ аскер отуругунун түндүк чек арасы тараптан жапырык салып келди. Ал шивэй элин чоң бүлгүнгө түшүрүп, алардын колунда калган уйгур лардын баарын жыйып, Гоби чөлүнөн түндүктү көздөй сүрүп айдап кетти». Калыбы А-бону кыргыз каганы уйгурларга каршы биргелешип уруш жүргүзүү үчүн Тан өкмөтүнө жардам көрсөтүү иретинде жөнөткөн болуу керек. Балким, ал Эдзин-гол дарыясына жортуул жасаган кошуундун өзү болушу да ыктымал. Кыргыздар алыска сыдырга жүрүп бир чети уйгурларды багынтууну көздөсө, экинчи жагынан Тан империясы менен «жайчылык жана туугандык» мамилесин бекемдөөгө умтулушкан. Бирок кытайлар кыргыздардын уйгурлар менен жоо болгонун колдоп, иш жүзүндө аларды күчтөнүп кетпесе экен деп чочулашкан. «Хойху күч алып турган чакта аларга наам берилген, бактыга жараша алар кыйрады, андыктан болочокто коркунуч болбосун үчүн хягастарды күч алдыруу кажет эмес. Империя төбөлдөрү кыргыздарга, «ардактуу наам» берип, аларды букара кылып алабыз деп ойлошкон, бул максат ордунан чыкпаган соң мамилесин үзүп, карым-катнашын токтоткон. Кыргыздар да кытайлардан өз кезинде жыл сайын уйгурларга берилип турган 20 миң кесим жибек сурап, «тартуу талап кылышат» деп чочулашкан.

Тан бийлиги кыргыздардын иши илгерилеп, ооматы жогорулап баратканын көрүп, эки жактуу саясат жүрг үзүүгө аракет кылган. Уйгурлар менен калаба башталып, казат ачылганда эле ордо билермандары: «Эми бизге У-цзе кан менен жакшы ымала түзүү керек» – деп айтышкан. 856–857-жылдары Тан ордосу «Каган тагын ээлөөнүн мөөр каты» жана «Каган тагын ээлөө тууралуу пикирлер» деген эки жардык чыгарып, анда иштин чыныгы абалы башкача болгонуна карабастан, Борбордук Азияны башкарууга уйгур каганы укуктуу деп табылган. Ал турсун уйгурларга атайын элчи жиберишип, анысы Эдзин-голдон аларды таппай кайтып келген, көрсө, уйгурлар ал жерден эбак көчүп кетишкен экен, Кыргыз кагандары болсо жортуулдап басып алган жерлердин баарын эле биротоло ээликтеп алууга умтулган эмес. Ошондон улам 848-жылы эле «уйгурлардын уруу башчыларынын бири Пан-Лэ Анси жерин ээлеп, өзүн каган кылып жарыялаган». 859–877-жылдарда уйгурлар Бейтин шаарын да ээлеп алышкан, ал жерде туруп Пу Гунун кол башчылыгы астында тибеттиктерге жортуул жасашкан, Хэлочуань уйгурлары болсо 875жылы Алашандын атырабын басып алышат. Кыргыздар бул кезде Тан империясы менен алакасын улантып турган, алардын элчилери 860–873-жылдары императордун ордосуна үч мертебе келип кетишкен.

IX кылымдын акырында кыргыздар кайрадан Чыгыш Түркстанга кол салып, кысып кирет. Алар Пенчул, Аксу шаарларын алып, Кашкарга чейин келишет. Кум-Туранын аска ташындагы сүрөттөрдө, калыбы, кыргыздардын ошол жолку жортуулдары чегеленген шекилденет. Бул согушта кыргыздарга тибеттиктер өнөктөш болуп, уйгурлар менен чабышкан, 904-жылы кыргыздар, тибеттиктер Ли-Кэ-юндун түрктөрү менен бирдикте Тан империясындагы ички чыр-чатактарга аралашат. Бирок «Хягас хойхуну толук тыйпыл кылып талкалай албады». Турфандагы уйгур кандыгы бул калайманда туруштук берип, аман калды. X кылымдын баш ченинде ганьчжоу уйгур кандыгы пайда болот. Монголияда калган уйгурлар да бул мезгилде өз алдынчалыкка жетишет. 908-жана 918-жылдары алар кидан императорунун ордосуна элчилерин жөнөтөт. Ал эми 916-жана 924-жылдары кидан императору Елюй Амбагян Монголияга эки мертебе жортуулдап келип, ал жерден кыргыздарды таба албай, «уйгур жерине кирет». Калыбы, көп жылдык согуштардан каржалып бүткөн кыргыздар кидандарга активдүү каршылык көрсөтө албаса керек. Ошентип, улуу кыргыз мамлекетинин доору бүткөн. Кидандардын бийлиги орноп, алардын үстөмдүгү күч алган. Ошонун кесиринен бир бүтүн кыргыз эли экиге бөлүнүп ажыраган. Бир жамааты Саян-Алтай менен түндүк-батыш Монголия чөлкөмүн жердеп калган. Кейпи алар кидандарга көз каранды болуп турган окшойт. Жазма даректердеги кабарларга караганда Ляо империясына «хягастар такай элчилерин жиберип, салык төлөп турушкан». Бир катар окумуштуулар энесайлык кыргыздардын материалдык жана рухий маданиятына кидандардын таасири тийген деп эсептейт.

Кыргыздардын экинчи бир жамааты Чыгыш Түркстан да калган. Мусулман жазмаларында алардын жери тогуздарга (уйгурларга), карлуктарга, чигилдерге коңшулаш турат деп көрсөтүлөт. X кылымдын этегинде алар гурфан уйгурларына көз каранды болуп калган, «Көп сандаган уруулар түштүк жана түндүк тюцзюэ эли, чигилдердин чоң жана майда уруулары, ягма, карлук, кыргыз, барман, гет, урунгу калкы Гаочан мамлекетинин башкаруусунда турат». Андан кийинки доорлордо кыргыздардын ошол эки жамааты бир-бирине кошулбай, окчун жашап калышкан.

САЯН-АЛТАЙ б.з. II МИҢ ЖЫЛДЫГЫНДА

Кыргыз, кыштым, уйгур будуңдары

Б. з. экинчи миң жылдыгынын башталышында Энесай кыргыздары байырлап турган аймактардагы окуялар жайында жазма даректерде үзүл-кесил гана маалыматтар кездешет. Бул мезгилде жазуу-сызуусу өнүккөн, тарыхый салты бар маданий борборлордон кыргыздардын жолу кесилип окчун калган. Алар кидандар менен анда-санда гана алака жасап турушкан. Рун жазуусунан да кол жууган.

Кидандардын таасири кыргыздардын жеринде, болжолдуу түрдө X кылымда таасын сезилген деп жоромолдоого болот. Ляо мамлекетинин «батыштагы чек арасына» аталган кылымдын 30-жылдарында «агарып-көгөрүүнү көксөгөн» кыргыздардын өкүлдөрү келген. Бирок X кылымдын орто ченинде кыргыздар менен кидандардын ортосунда жалпы чек ара оуцзюлюйге (алардын жерине) чейин жетет.

Оуцзюлюйлардын батышында сяцзя, ал эми алардын түндүгүндө Шаньюй тунзюлери турат… Алар кээде кидан императорунун ордосуна элчилерин жөнөтүп, салык төлөп турушкан. 952-жылы «уйгурлар жана кыргыздар алман берип, элчилерин жөнөттү». Бирок бул Чыгыш түркстандык кыргыздар болушу ажеп эмес, анткени алар Ляо императорунун ордосуна уйгурлар менен бир күндө келип түшкөн.

X кылымда кыргыз каны ордосун Монголиядан Тувага көчүрүп кеткен. Кебетеси, ал Кемчик суусунун боюндагы капкалардын бирине келип токтогон окшойт. Бул жер кыргыздардын чыгыш жагында жашап турган фури уруусуна жакын эле. «…Алардан анчалык алыс эмес жерде шаар бар, аны Кемжикет дешет, анда хырхыз-хакан турат».

X кылымдын этегинде ордо Саяндын түндүк тарабындагы аймактарга көчүрүлөт. «Көгменден кыргыздардын өлкөсүнө чейин 7 күндүк жол; ал мөлтүр булактар менен чырмалып өскөн чытырман токойлорду бойлоп, талаалар менен шалбааларды басып өтөт, андыктан бул жакка жоо-душман өтө албайт; жолдун жээги кыргыздардын жерине жеткенге чейин бак сыяктуу дүпүйүп турат. Кыргыз хакандын аскер отуругу ушу жерде, ал өлкөдөгү эң башкы жана эң мыкты жер; ага барар үч жол бар; калган жактын баарын тоолор, чытырман токой тосуп турат. Үч жолдун бири тогуз туздарга, түштүккө кетет; экинчиси кимактарга, халыуктарга, батышка алып барат; үчүнчүсү талаага барып такалат, Фури элине жетүү үчүн үч ай жүрүү керек».

Мамлекеттин саясий борбору көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу көчмөн кыргыздардын жайгашкан чөлкөмдөрү да өзгөрдү. Эгер IХ–Х кылымдарда кыргыз эстеликтеринин басымдуу көпчүлүгү Тувада топтолуп, Минусинде алар салыштырмалуу түрдө аз жолугуп, Байкалдын аркы тарабында, Монголияда, Алтайда, Батыш Сибирде, Орто Сибирдин токойлуу аймактарында бирин-серин гана учураса, кыргыз маданиятынын XI–XIII кылымдардагы «суук тэр» түрүндөгү эстеликтеринин көпчүлүгү Минусин ойдуңунан табылат. Тувада жана Томскинин жака-белинен азыраак кездешет. Монголия менен Алтайдан сейрек чыгат.

Ляо империясы менен кыргыздардын саясий мамилеси басаңдай баштайт. 976-жылы кыргыздардан белекбечкек артынып императордун ордосуна элчилер келет. Ляо империясы бул кезде түндүк кытай аймактарындагы

 

согуштарга көбүрөөк күчүн үрөп, жаналакетке түшүп жаткан болчу, ошондуктан Борбордук Азиянын талаалуу чөлкөмдөрүнө назарын бурууга буямасы келбей, ал жерде монгол тилдүү көчмөн уруулар кеңири таралып, жайлаша баштаган.

IX–X кылымдарда Чыгыш Монголия тараптан Иртыштын жака-белине кумоси (кымак) калкы көчүп келип, бу жерде Кымак каганатын түзүшкөн, ал XI кылымдын башталышында кыйрап жок болгон. Монгол тилдүү уруулардын кысымы астында түрк түркүмүндөгү уруулар Борбордук Азиянын талааларынан жер оодарып, батышка көчүп кете башташкан. Ушундай көчкүндүн (миграциянын) бири XI хылымдын биринчи жарымында болуп өткөн. «Ошолордун ичинде кун деп аталган тайпа (адамдар) бар, алар кытай канынан коркуп Кытай жеринен ооп келген. Түпкү теги жагынан алар несториан тейиндеги тарсалардан тараган. Өздөрүнүн аймагын жайыт тардык кылгандан улам таштап кетишкен. Алардын катарында Икинжи ибн Кочкар Хорезмшах да болгон. Каи деген эл аларды куугунга алган. Беркилерден тигилер ары көп жана ары күчтүү эле. Аларды ошол (жаңы) жай ыттардан кууп чыгышты». Ошондо кундар шарылардын жерине көчүштү, ал эми шарылар болсо түркмөндөрдүн жерине кетишти. Түркмөндөр гуздардын чыгыштагы жерине оошуп, гуздар Армян деңизине жакын турган печенегдердин жерине кетишти». Кундар, телес уруктарынын бири Кунь (Хунь) кидандардын жеринен Жунгарияга, андан ары каилердин кысымы астында батышты көздөй сүрүлгөн. Мага ушундай көчкүн иштердин аркасында Борбордук Азиянын батыш аймактарына монгол тилдүү уруулар тарап, көбөйө берген. Махмуд Кашкаринин маалыматына ылайык, XI кылымда Жунгария менен Чыгыш Казакстанда «Кан, Ябагу, татарлар…» мекендеп турган. «Алардын ар биринин өз тили бар. Ошону менен бирге түркчө да жакшы билишет». Саян-Алтайдагы кыргыздардын жери менен Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын ортосуна каилердин отурук-конуштары ээлеп жаткан. «Булардын арасында Хирхиз деген эл жашайт, алар абдан көп. Турган жери Жайкы-Чыгышта. Алардын түндүк жагында каилер менен кимактардын талаасы жатат, батыш тарабында болсо ягмалар менен карлуктар (алардын жери) бар». Ошентип, XI кылымда монгол тилдүү көчмөндөр «Кергис мамлекетинин» улагалаш коңшулары болуп калышкан.

Ушундай коңшулуктан улам монгол жөрөлгөлөрү чыпкаланып кыргыз маданиятына өтө баштайт, XI–ХII кылымдардагы кыргыздардын жоо-жарак комплексинде калак түспөл сыр жебелер кеңири таралат. Эндүү каңылтырдан кыталап, ичине кебез жаткырып соккон чопкут тондор пайда болот. Кемер курлардан жана ат жабдыктардын жасалгаларын даярдоонун жаңыча усулуна өтүү күч алат. Аларды көбүнчө темирден жасап, сыртына күмүш жалатып, кооздой башташат.

Кыргыз мамлекетиндеги борборлоштурулган аскерий бийлик акырындап күчүн жоготуп, ыдырай берет. «Алардын баары баш ийген падышасы бар, ал калктын кемкарчынан кабардар болуп турат. Жашы кыркка чыкпаган киши анын кашына келип, отура албайт». Борборлошкон бийликтин бошоңдошу аймак башчылардын – иналдардын зоболо күтүшүнө себепчи болот. Аламан согуштарда олжого тунуп, дүнүйө-мүлккө карк болуп көнгөн кыргыз феодалдары – бектер эми андай мүмкүнчүлүктөн ажырап, көп учурда бири-бирине кол салып, өз ара чабышып, талоончул жортуулдарды уюштурушат. Ушул мезгилге таандык кыргыз көрүстөндөрүнөн табылган материалдар көрсөтүп тургандай, ар бир бектин кесипкер жоокерлерден куралган өзүнчө кошуун-колу болгон, аларды согуш же жортуул маалында кыргыздар менен кыштымдардын эсебинен толуктап турушкан. Кыргыз мамлекетинин карамагында ар түркүн уруулар: түрк тилдүү уйгурлар, аздар, андан тышкары Туваны, Алтайды, Минусинди тургундаган телес оолатындагы этникалык тайпалар, ошондой эле Саяндын токойлуу аймактарын, Кузнец Ала-Тоо жана Минусин ойдуңунун четки түндүк чөлкөмүн байырлаган кет, самодий тилиндеги элдер кыштымдардын (букаралардын) абалында жашап турушкан.

Кыргыздардьш экинчи бир жамааты б. з. II миң жылдыгынын башталышында Чыгыш Түркстанда турушкан. «Улуу державалык» доордогу кызыл кыргын, сары сүргүндөрдүн маалында кыргыздар уйгурлар менен чабышып, Куча, Бешбалык, Үчтурпан сыяктуу шаарларды бир нече ирет өздөрүнө караткан. Айрым шаарлар, мисалы, Пенчул, бирде кыргыздарга, бирде уйгурларга карап, колдон-колго өтүп турган. Мусулман жазмаларында кыргыздардын жери тогуз гуздарга (уйгурларга), карлуктарга, чигилдерге, ягмаларга коңшулаш деп көрсөтүлөт. X кылымдын башталышында кидандардын бийлиги орноп, анын натыйжасында кыргыздардын бул жамааты Монголиядан бөлүнүп калат. Иртыштын жакабелине жана Жунгарияга каи уруусу таралып, Кымак каганаты түзүлөт, ошентип түркстандык кыргыздарга түндүк тараптан каилер менен кымактар коңшу болот. Кийинче рээк X кылымдын этегинде кыргыздардын бул жамааты үч-турпандык уйгурлардын кол алдында калат. Коңшулаш мусулман уруулардын таасири астында кыргыздардын баштагы ырым-жырымдары, ырасмы-салты өзгөрөт. «Кыргыздардын салтында өлүктү өрттөшкөн: муну менен алар от маркумдарды аруу кылып тазартат деп эсептешкен. Алардын өткөндөгү салты ушундай болгон, бирок мусулмандарга коңшу болгондон тартып, өлгөндөрдү өрттөбөй көмө башташты». Демек, XII кылымда Чыгыш Түркстандын кыргыздары өрттөп көмүү салтын таштап, жерге көмүү салтына өтүшкөн жана муну менен маданий мааниде алганда энесайлык урукташтарынан айырмалана баштаган.

XII кылымдын биринчи жарымында чыгыш түркстандык кыргыздардын жерине Елюй Даши баштаган кидандардын черүүсү жапырык коюп кирет. Чжурчжендер менен болгон чабыштарга катышып, Ляо империясы кыйраган соң, Елюй Даши өз кошууну менен батышты бет алып, Алашандын атрабына, андан ары Чыгыш Түркстанды көздөй качат. 1130-жылы кидандардын сардары «кыргыздардын чегине келип токтойт; ошо чөлкөмдө турушкан элге кол салат, тиги эл (кыргыздар) да аларга каршылык көрсөтөт». Бул урушта кыргыздар өз жерин коргоп калат. Ошондуктан кидандар андан ары кетишет да, акыры Имилге жетишет». Елюй Даша Жети-Сууну каратып алат да, 1133-жылы аскерин Кашкар менен Хотанга атказып, аларды багынтат. Ошондон кийин тынчтык бербегени үчүн кыргыздардан өч алмакчы болуп, аскерин алардын чегин көздөй жиберип, Беш-Балыкты багынтат». XII кылымда батыш Монголиянын ЭктатАлтай ашуусуна чейинки аймактарын наймандар ээлеп алат. Аталган асырдын орто ченинде ошо наймандардын кол башчылары Наркыш-Таян менен Энлат-Каан Иртыш суусу «уйгурлардын өлкөсү» Турпанга улагалаш жаткан чөл менен тогошкон жерде, «кыргыз өлкөсүндө» жашаган «кыргыздардын уруусун чапты».

Монгол тилдүү тайпалардын активдүү кыймылга келип, жанданышы Энесай кыргыздарын кысып, түндүктү көздөй сүрө берди. ХII кылымдын акырында алардын жери айрым-айрым шаркеттерге ажырап, бытырап бөлүнөт. Аларды иналдар башкарып калат. Акимдарлыкка мураскер адам кээ бир түрк урууларында ушундай даража менен аталган. Кээде бул наам рун жазууларында «кан» деген сөз менен бирге учурайт. Ал кыргыз ак сөөктөрүнүн мартабалуу ысмы катары да айтылган. Мисалы, Ыналоге, Огдэм-инал, Шубуш-инал ж. б. XII кылымдын этек ченинде Туба (Кэм-Кэмжит) кыргыздардын шаркетинин биринен болуп калат. 1199-жылы Чыңгыз хандан жеңилип, таш-талканы чыккан наймандардын каны Буюрук кыргыздардын өлкөсүнө кирген ошол «Кэм-Кэмжит жерине» баш калкалап качып барат. Бул окуя монголдорго кыргыздардын аймагына жапырык салып кирүү үчүн табылгыс шылтоо болуп берет.

Кыргыз мамлекетинин өз-өзүнчө майда шаркеттерге бөлүнүп бытырашы күч алган сайын алардын сырттан келген жоого каршылык көрсөтүү мүмкүндүгү начарлап күчүнөн тая берген. Монголдор басып кирген маалда кыргыздардын бирдиктүү мамлекети жана аскер күчү алсырап, аларга каршылык көрсөтүүгө шайы келбей калган эле.

Саян-Алтай монголдордун ээлигинде, кыргыздар Монгол оторлугунда XIII кылымдын башында кыргыз мамлекети жалпы жонунан бир өлкө деп аталганы болбосо, иш жүзүндө өз алдынча турган эки музапатка ажыраган. Кыргыз жана Кэм-Кэмжит бири-биринен бөлүнгөн эки аймак, экөө тең бир музапатты (мамлекетти) түзөт. Кэм-Кэмжит – чоң дайра, бир тарабынан ал монголдордун аймагына (Могулистанга) туташат жана (анын) бир чеги Селенга дайрасы менен чектеш, ал жерде тайжиуттар турат; бир тарабы Ибир-Сибирь өлкөсүнүн чектерине чейин созулуп, чоң дайра (бассейн) менен туташат, ал дайраны Анкара-Мурэн дешет. Кэм-Кэмжиттин дагы бир тарабы наймандар турган жерлерге жана тоолорго туташат. Кори, баргу, тумат, байаут жана да монгол тегиндеги айрым элдер жашаган Баргуджин Токум жери да бул аймакка жакын. Бул жерлерде шаарлар жана кенттер көп, көчмөндөр сансыз». Кэм-Кэмжит аймагынын аты Хем (өйдөкү Энесай) жана Хемчик дарыяларынан келип чыккан, Туванын чөлкөмүнө туура келет. Ал наймандар байырлаган Монгол Алтайына, Чыгыш Саянга (БаргужинТокумга) жана туматтар, баргуттар, байауттар тургундаган Селенганын куймаларына чектеш. «Кыргыз» аймагына

Минусин ойдуңу кирген. Аны как жарып «чоң дайра КэмКэмжит (Энесай) агып өткөн да, «Анкара-Мурэн» менен кошулуп, «Ибир-Сибирь өлкөсүнө» (токойлуу «Сибирге) чейин жеткен. Андан чыгышыраакта кори уруусу (курыкандар) жашап турган.

XIII–XIV кылымдардагы энесайлык кыргыздардын маданиятынан калган археологиялык эстеликтер ушул мезгилде кыргыздар байыр кылган чөлкөмдөрдү кыйла таасын көрсөтөт. Монгол доорундагы кыргыз коргондорунун негизги массасы Минусин ойдуңунда (кыргыз аймагына) топтолгон, Кии дарыясынын өзөндөрүнөн, жыш токойлуу Ибир-Сибирь аймагынын чет жакаларынан да кездешет. Тувада болсо алар анчалык көп эмес, Алтайда алардан эч нерсе жок. Мунун өзү XIII кылымда Алтайда өзүнчө «кыргыз музапаты» болбогонун ырастайт. Дегинкиси «кыргыз өлкөсүн» Алтайга жайгаштыруунун жөнү жок.

«Кыргыз жана Кэм-Кэмжит» музапатчылыгынын ар биринде өзүнчө падыша болгон. «Алардын падышасы (ар бири) ысмы башка болсо да инал деп аталат, ал эми бул аймактан чыккан зобололуу жана мартабалуу андай адамдардын уруусун – иди дешет. Анын падышасы болгон… (жазылбай калган). Экинчи музапаттын аты – Еди-Орун, ал жактагы падышаны Урус-Инал дешет». Эки аймактын иналы тең бир тукумга – «иди» уруусуна кирген. Бирок «жуукташ музапаттын» экөөбү тең бир «малакатты» түзгөн, мындан улам доору бүтүп бараткан кагандык бийликтин кантсе да жалпы жонунан сакталып турганын, ал эми иш жүзүндө башкаруу иши бүт бойдон иналдардын (мураскорлордун) колунда болгонун билүүгө болот.

«Кыргыздардын эмирлерине жана төрөлөрүнө» барган монгол элчилеринин жол баянына арналган жазуулардагы маалыматка караганда, Еди-Орун Минусин ойдуңунда болууга тийиш. «Адегенде алар… (жазылбай калган) дешкен. Мындан кийин алар башка өлкөгө (барышты), аны Еда-Урун дешет, андагы эмирдин аты Урус-Инал экен». Кыргыз мамлекетинин чектери Ангарага дейре созулган. «Ал дайра (Ангара) Кихас деген шаарга жакын, Кэм суусу менен кошулган жердин так өзүндө. Ал шаар кыргыздардын музапатына тийиштүү».

XII кылымдын этеги жана XIII кылымдын башталыш ченинде монголдор наймандарды талкалап, Батыш Монгол жана Жунгар аймактарындагы түрк, монгол урууларын өздөрүнө каратып алат. Урушта жеңилген найман каны Буюрук «кыргыздардын мамлекетине караган жердеги Кэм-Кэмжит жакты» көздөй качат.

Тэмуджин жеңилген будуңдарга Хорчини аким кылып дайындап, ага буйрук берет: «Улук бол да, Алтын тоого чейин мына ушул күн батыш өлкөсүн башкара бер». Ошентип жаңгел уруулары Харчинин букаралыгына өтөт. «Хорчи үч миң бадриндерге эле эмес, ошондой эле түмөндөгөн адаркин, чинос, төлөс, теленгуттарга чогуу ээлик кылсын, бирок (миң башылар) Тахай жана Аших менен бирге сурак кылсын. Ал Эрдыштагы жеңгел элдерине чейин бардык конуш-жайыттарда тоскоолдуксуз көчүп жүрсүн, шондой эле ал эсеп жеткис жаңгел элдерине бийлик жүргүзө берсин. Жаңгел элдери Хорчинин улуксатысыз эркин көчүп конууга акысы жок. Өз бет алдынча көчүп-коном деп дегеле ойлобош керек.

1206-жылы атпай монгол курултайында Тэмуджин улуу каган болуп шайланат да, Чыңгысхан атка конот. «Бүт жаканды» багынтуу ниети мына ошондо жаралган. Монголдор «жаңгел элдеринин» катарына кыргыздарды да кошушкан, ошондуктан аларды багынтууга Чыңгыстын чоң уулу Жучи хан аттанган. 1207-жылы «коён жылы Он кол аскерин баштап Жочи Жаңгел элдерине жөнө түлгөн эле. Буха жол баштоочу болгон… Ойротторду, буряттарды, бархундарды, урсугдарды, хабханастарды, хамхастарды жана тубастарды баш ийдирип, Жочи түмөн кыргыздарга жакындап келет. Ошондо Жочиге кыргыз ноёндору Еди, Инал, Алдиер жана Олебек деген келишти. Алар Жаангерге кулдук урушуп, ак шумкар, ак боз ат жана ак булгун ичик тартуулап, таазим этишти. Жочи ошондон бери бизге карай бардык жаңгел элдерин, атап айтканда, шибир, кеедиин, баит, тахс, тенлек, төлөс, тас жана бачжиги элин монгол бийлигинин букаралыгына кабыл алды. Ал кыргыздардын жол башчы ноёндорун жана миң башчыларын, ошондой эле жаңгел элдеринин ноёндорун өз жанына алып, Чыңгысханга жеткирди да, улуу каганга ак шумкар, ак боз ат жана ак булгун тартуулап, баш уруп таазим кылууну буйруду. Наймандардын, коңшулаш башка уруулардын башына түшкөн калаймандуу тагдырды билип-көрүп туруп, кыргыз төбөлдөрү монголдорго согуш ачып, урушканга дааган жок, ошондуктан каршылык көрсөтпөй баш ийип беришти. Алардын ноён башчылары менен миң башчылары Жучинин ордосуна, андан соң Чыңгысханга келишип, дүр-дүнүйө белек тартуу кылып «кулдук урушту жана моюн сунганын билдиришти». Булардын арасында кыргыздардын бир аймак башчысы – инал жана андан төмөнүрөөк даражадагы төбөлдөр бар эле. Башка бир даректерге караганда ошол эле жылы Чыңгыс хан кыргыздарга элчи жиберген деп айтылат. «Алтандыл жана Букраны ушул эки падышага Чынгысхан чабармандыкка атказды да, (аларды) баш ийүүгө чакырды.

Тигилер кичүүлөрдүн улууларга сый көрсөткөн белгиси катары ак шумкарлар менен Урут-Утуджу, Элик-Тимур жана Аткирак деген үч эмирин чабармандарга кошуп кайра жөнөтүп, (ага) баш ийип бе ришти».

Монголдорго каршылык кылбай багынып берип, кыргыз төбөлдөрү өз өлкөсүн азыраак мезгилге болсо да кызыл кыргындан алакчылап калышты. Бирок «баш ийүү жосунун жасоодон» тышкары «жан салык» төлөө монгол аскерлерине жоокерлерди берип туруу милдети букаралыктын негизги шарты болгон.

Кыргыз-аскер кошуундарын өздөрүнүн жортуулдарында пайдалануу ниети монголдордо биринчи ирет XIII кылымдын 20-жылдарынын этегинде пайда болду. 1217жылы туматтардын козголоңу чыкты, алар «кыргыз өлкөсүнүн чектеринде жашаган, ашкере согушчаак, жоокер эл болгон». Чыңгысхан «баарин уруусунан Ная ноёнду (ал жакка) аттанууга буйрук берди, (бирок) аны бейтап болуп жатат деп айтышты. (Ошондо) ал Барагул ноёнду жөнөттү». Монголдор «чоң калайман салышты жана тумат элин багынтты. Бирок согушта Барагул ноён өлдү. Туматтар кекчил жана кас эл болчу, ошондуктан (монголдор) алардын көбүн кырышты». Ата-теги жагынан хушин уруусунан чыккан Барагул сарбар монгол аскеринин «он канатында эмир башы» болгон, Чынгысхан аны абдан бел тутуп барктаган, ошондуктан бул кабарды укканда: «Кантип мындай балакет болсун, Барагул өлүшү мүмкүн эмес» – деп айткан экен. Мына ушундай аскер баашынын ойрон болушу монгол аскеринин беделин кемитип, кадырына доо кетирген. Ошол себептен Барагул ноён өлгөндөн кийин Дорбо Докшин  ноёндун кол башчылыгында туматтарга каршы жаңы черүү жөнөтүлөт. Ал «жоокерлерди балта, керки, араа, теше жана башка керектүү шаймандар менен куралдантып… топоздордун изин кубалап жүрүп жаңгелди кыйып-араа лап, жол салууга буйруду. Акыры тоодон ашып, эчтемеден бейкапар, баракат жаткан туматтарга капысынан качырып тийип кол салды жана аларды туткундап алды. Алардын арасынан жүз бүлөнү Барагул ноёндун үй-бүлөсүнө кул-кутан кылып берди». Бирок туматтардын мизи биротоло майтарылган эмес болчу. Андан кийинки 1218-жылы «…жолборс жылында Баргуджин Токумда жана Байлукта отурган туматтардын дагы бир жамааты козголуп чыкканда, кыргыздарга жакын тургандыктан улам аларды багынтуу үчүн монголдор кыргыздардан кошуун (черик) берүүнү талап кылды; тигилер берген жок да, көтөрүлүп чыгышты. «Кыязы, туматтардын монголдорго айбат көрсөткөнү аларды шерденткен болуу керек. Чыңгысхан аларга өзүнүн уулу Жочини черүүсү менен атказат. Алардын «(кыргыздардын) кол башчысы Курлун (эле); (Нока деген монголдордун эмири) кайгуулчулардын кошуунун баштап жөнөдү; ал кыргыздарды сары сүргүнгө салып куугунга алды жана сегизинчи дайрадан артка тартып, кайра келди». Курлундун кол башчылыгы менен көтөрүлүшкө чыккан кыргыздардын козголоңу монголдордун Саян-Алтай чөлкөмүндөгү бийлигине катуу коркунуч туудурган. Ошондуктан алар негизги аскердик күчтөрүн пайдаланууга аргасыз болушкан. «Жочи жете келгенде Кэм-Кэмжит дайрасын муз басып калган эле. Ал муз аркылуу өттү да, кыргыздарды багынтып, баш ийдирип кайтып келди». Жочинин черүүсү Минусин ойдуңуна жортуул жасап, кыргыздар менен кошо кыштымдарды каратып, «Кянь дарыясынан… өтүп, андан ылдый карай жүрдү. Кэргистерди, ханькастарды, теляндарды, кэшдимдерди, хоин жана ирган элин багынтты». Ушул «жортуулда жана кайра тартканда» Жучи-хав «кыргыздардын аркы жагында, бир айчалык жолдо (аралыкта) жайгашкан элдердин» (урасут, теленгут, куштем) жерлерин сыдырып өткөн, «ошол элдерди да багынткан». Ошентип, монголдор казат жүрүп, «жаңгел элдерин» баш ийдирүүгө бир айдай убакыт коротуп, Тува, Минусин, Тоолуу жана Монгол Алтай аймактарын аралап өтөт. Ошол жортуулдан соң Минусин талаалары ээндей түшкөн. Кыргыздардын бир жамааты чабылып, туткунга айдалып кетет, бир жамааты чытырмандуу токойлорго кире качып, чачылып тарайт. Дагы бир жамааты кутпа тарапка сүрүлүп, жоо колу жетпес аймактарга көчө качкан. Монгол доорундагы кыргыз маданиятынын эстеликтери сан жагынан андан мурунку сууктэр доорундагы эстеликтерден алда канча аздык кылат. Ошол эле учурда кыргыздардын бир жамааты чогуу-чаран болуп жайгашкан кутпа тараптагы аймактарда, Кин дарыясынын өзөндөрүндө кыргыз коргондору көп жолугат, бул болсо кыргыз көчмөндөрүнүн түндүктөгү токойлуу түзөңдөргө жер оодарып сүрүлгөнүн далилдейт. Чабылып-чачылганына карабастан, кыргыздар баштатан байырлап келген негизги аймактарын сактап калган, аларды монгол канынын васалдары болуп эсептелген кыргыз төбөлдөрү башкарып турган. Алардын маданияты да өз бөтөнчөлүгүн жоготпой, акырындап өнүгө берген. Кыргыздардын жери менен кошо бүткүл Саян-Алтай чөлкөмү «Улус жана журт түрүндө» Жучи хан ээлигине берилген. Бул аймактар монгол империясынын Түндүк-Батыштагы чет жакасы болуп калган. 1226-жылы Жучи өлгөндөн кийин кыргыз жери улуу хандын улусуна кирип, Чынгысхандын кенже уулу Тулуйдун бийлигине өтөт. 1229-жылы такка отурган улуу каган Угэдей букара элдердин «көңүлүн жайгарууну көздөп, меркиттер менен кыргыздардын арасынан бай-керилердин кыздарын аялдыкка алат жана мунун аркасында жергиликтүү төбөлдөр менен сулелелик союз түзөт. Кыргыз кызы, «дзилиңзиси – хутени» Жачин улуу каган Угэдейдин төртүнчү «байбичеси» болуп калат. Бирок кыргыз» жериндеги бийликтин тизгин-чылбыры башка бир аялдын – Тулуй хандын жесири, кераит кызы Соркуктаны-бегинин колуна өтөт. Ал Ангара менен Энесай аркылуу ылдыйга, Алафхин, Адустан, Мангу жана Балаурнан тарапка экспедиция жөнөтөт, «Соркуктаны-беги кеме менен миң киши кошуп (тиги өлкөгө), үч эмирди, атап айтканда, кар чукур уруусунан Тунликти, кара тут уруусунан Бахжуну жака (жазылбай калган) уруусунан Мункур-Хитнаны миң эрени менен жиберди. Алар жээкке (өлкөнүн ич жагынан) көп күмүш алып келишти, бирок аны кемеге жүктөй албады. Ошол аскерден 300дөн көбүрөөк киши кайтып келбеди, калгандары коңурсуган абадан жана ымшыган нымдан өлүштү. Эмирдин үчөөсү тең (айтмакчы) аман-эсен кайтып келишти жана көпкө жашады (ошондон кийин)». Күмүш издеп барган бул экс педиция, кыязы, Батыш-Сибирдин токойлуу саздак аймактарына жиберилсе керек. Бул жерде, айрыкча Обь дарыясынын адыр-күдүрүндөгү зыярат жайларда, чет жактардан ташылып келген күмүш идиштер көп мезгил бою жыйналып отуруп, өзүнчө эле казына сымак болуп үйүлүп көбөйгөн.

Угэдей өлгөндөн кийин 1241-жылы Гуюк хан Монголиянын улуу ханы болуп калат. 1251-жылы каан тагына Соркуктан-бегинин уулу Мунхэ хан отурат. Ал козголоң чыгып кетпесин деп чочулап, Буха ноёнду «эки түмөн кол менен кыргыздардын жана Кэм-Кэмжиттин чектерине» атказат. Калыбы, кыргыздардын жеринде туруктуу монгол кошууну болбосо керек, кыргыздар өз төбөл дөрүнүн тескөөсүндө турган окшойт. 1252-жылы Саян-Алтайга Соркуктаны-беги өлгөндөн соң анын уулу Ариг-Буга ээлик кыла баштайт. «Анын жайкы отуругу Алтайда, ал эми кышкы конушу Теке менен Кыргызда эле. Алардын ортосу (аралыгы) үч күндүк жол», Ариг-Буганын кышкысын Минусинди конуштап турган себеби, муну менен кыргыздарды кыйкымдап кысып, ал жерден сүрүп чыгууну көздөгөн болчу. 1260-жылы Мунхэ хан каза табат да, анын ордуна Ариг-Буга монголдордун байтагы Каракорумда улуу каан болуп жарыяланат. Бирок Кытайдагы монгол черүүсүнө кол башчылык кылып турган анын бир тууганы Хубилай Ариг-Буганын бийлигин кабыл тутпай коёт, өз кошуунун баштап ага каршы аттанып чыгат. Ариг-Буганын аскери талкаланат. «Ариг-Буга жана анын жоокерлери коркконунан башаламан түшүп качып жөнөштү, акыры жүрүп кыргыздардын өлкөсүнө келишти». «Жеңилип калганына арданган Ариг-Буга туткундарды өлтүрдү, кыргыздардын жерине жашынып алды». Кайрадан кол курап, аны Тангут өлкөсүнө аткарат, бирок бул жолу да жеңилип калат, кыргындан аман калгандары качып кетишти, кыргыздардын жерине келип, Ариг-Бугага кошулду… Айласы куруп, амалы түгөнгөн Ариг-Буга арып-азып, ач калган колу менен Кэм-Кэмжитке жакын… (жазылбай калган) дайранын боюнда турду, каандын келишинен коркуп, ага чабарман жөнөттү да, кечирим сурады». Өзүнүн букаралыгында турган уруулардын баарын тоздуруп, алсыратып бүткөн соң, Ариг-Буга акыры жоолашып жеңе албасын түшүнүп, 1264-жылы Хубилайга багынып берүүгө аргасыз болот.

Ариг-Буганын сурагы, монгол колунун Минусин менен Тувада туруп калышы, ич ара тыйылбаган согуштардын азап-апааты, монголдордун жортуулдарына «жан салык» төлөп, дамамат катышып турганы, «Кыргыздардын жеринде ирденип алуу» үчүн «арып-азган, ач калган» жоокерлердин ашка жүк, башка жүк болгону, ушулардын баары энесай абалына салакасын тийгизбей койбойт эле. Айткандай эле Саян-Алтай чөлкөмүндө кыргыздар өздөрүнүн үстөмдүк абалын монголдорго тарттырып жиберди да, акырындап негизги этнос болуудан кала баштады. Ариг-Буганын сурагы бүткөн соң кыргыз жерлери Юань империясынын карамагына өтүп, Лин-Бэй провинциясына кошулат, анын байтагы Каракорум болот. Ал аз келгенсип кыргыздардын жерлери бир нече административдүү улустарга бөлүнөт, анын ичинде Туванын түзөңдүү аймактарында Кяньчжоу жана Иланьчжоу. Минусинде – кыргыз улусу түзүлөт. Жыш токойлуу Ханьхэна, Усы, Айкэл аймактары өзгөчө музапатчылыктарга бөлүнөт. «Бийликке келер менен Юань династиясы бул элди (цзилицистерди) бытыра бөлдү, (алардан) тогуз миң түтүн түздү». Жучи хандын тушунда букаралык абалда болуп, Ариг-Буга бийлик жүргүзгөн мезгилде кышкысын монгол аскерлерин күзөтүп күтүп алардын утурумдук жортуулдарын алман берип турушса, кыргыздар Хубилайдын маалында туруктуу административдик башкаруунун түзүлүшүнө туш болушат. 1270-жылы Юань императору Хубилай дуаньшигуан Лю Хао-лини Саян-Алтайга аймак башы кылып дайындап, аны «алыскы жерлерге уруулуу журттардын сөзсүз көңүлүн жайгаруу» үчүн жөнөтөт. Бирок монгол ак сөөктөрүнүн Хубилайдын бийлигине каршы адабат уюштурушу Ариг-Буга жеңилгенден ки йин деле токтолгон эмес. Ошол эле 1269-жылы монгол акимдеринин Талас дарыясынын өрөөнүндө болуп өткөн курултайы Ариг-Буганын өнөктөшү Хайдуну хан кылып шайлайт. Монгол «эмирлери менен ханзаадалары анын ордосунда болду, Хайдуга келип, (ага) жыгылып баш урушту: «Ушуга чейин биздин айгайчыбыз Борак-ака эле, ушу кезде (биздин) падышабыз Койду-ака, ал кандай буйруса, ошондой кызмат кылабыз» – дешти. Хайду Монголия менен Саян-Алтайга ээлик кылууга талаптанган. 1273-жылы Хайду тарапка өткөн кыргыздар Юань империясынын аймак башчысына каршы адабат чыгарат. «Кутпадагы кандыктар козголоң чыгарды. Хао-лини аскерлердин ордосуна алып келип, аз жерден өлтүрүп коё жаздады. Хао-ли адамдарга боорукер болгону үчүн гана алардын аскер башчысы аны азат кылды». Хайдунун аскери 1276-жылы Монголияга чоң жортуул жасады. Юань бийлигине каршы чыккан кыргыз акими батылдык кылуудан чочулап, Лю-Хао-линин тамырын тартып көрүүгө аракеттенет. 1279-жылы аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт, «16-жылдын жазында Хао-лини козголоңчу аким Кянькяньчжоуга чакырат. Ага минтип айтат: «Император менден шек кылган эле, анын арты азыркыга апкелди». Хао-ли жооп кайтарат: «Шек кылган эмес. Эгерде акимден шек кылганда, анда акимди ордого чакырганда, (анын) кайта кетишине макул болот беле?» Лю-Хао-ли баш бербеген калктын үрөйүнөн кооп санап, 1280-жылы «көп сандаган (адамды) баштап, башка жерге кетти, кол келишин күтүп, жапсарлуу жуукада коргонуп жатты». Бирок жардам келбеди, «козголоңчу акимдин аскери талкалады (аны)». Хао-ли батыштан кар баскан тоону ашып өтүп, «Алтай тоосунан ары көздөй чегинди, Хао-ли айласы куруп, туюкка кептелет, «ошондо козголоңчу акимдин миң башылыгына кийим-кечек берип колго алат», ал аймак башчынын миң адамы менен Теби-Шань тоосунан торкулап кеткен туура жолго салып» өткөрүп жиберет, Хао-ли эптеп Кытайга жетет. Юань империясы кыргыз калкын жортуулдарга катышууга мажбурлап, аларды аскерий көчкүндөр катары империянын ар кайсы чөлкөмдөрүнө бөлүп таратып турган, бул болсо кыргыздардын эл катары жоюлуп, жок болуп кетишине алып келмек… Калыбы, кыргыздарды мына ушул жагдай Хайдуну колдоп, анын тарабына өтүүгө мажбур кылса керек. Анын үстүнө аскерий көчкүндөр көп учурда какыр абалда калышкан. «1283-жылы Туле-Тунун байкер тургундарына багууга берилген 600 баш бука жакырланган кыргыздарга таратылсын деген жарлык айтылган».

1286-жылы Хайду хан Монголияга чоң жортуул жасаган. Ошондо кыргыздар анын бийлиги астында калган. Тук-Тимур ноён «кыргыздардын жерине кол салмакчы» болгон, бирок алар Хайдуга багынып беришкен.

Хайдунун ооматы жүрө баштаган сайын империянын ичинде борбордук бийликке кыр көрсөтүү аракети күч ала берген. 1287-жылы Маньчжуриянын аймак башчысы Наян Хайдуга өнөктөш болуп, Хубилайга каршы адабат уюштурган. Аны басуу үчүн империя Борбордук Монголиядан кыргыздардан куралган аскерин аттанткан. Адегенде «1289-жылы Хэлинде жашаган кыргыздардын үй-бүлөсүн түгөлдөп, каттоо өткөрүштү, жарды жашагандарга жардам беришти», андан соң «ал жерде циэрцистерден (кыргыздардан) куралган аскер Хэлинден аттанып чыкты», ага кыпчак Тутуха сардар башы болуп дайындалды. Наяндын козголоңу басылып, «кыпчактар менен канглыдан чыккан адабатчылар баары ыктыярдуу түрдө багынып беришти, алар Тутуханын карамагына өтүштү, 10 миң түтүндөн турган Халалу департаменти түзүлдү. Ар кайсы жерге чачылган кыпчак конуштары, бардык уруулар менен Аньси вандар Тутуханын башкаруусунда калат. 1292-жылы аскерин Хайдунун музапатын басып алуу үчүн жиберишет. «1282-жылы Тутуха Алтай тоо аймагын чаап, талап алды…. Кайтып келатып ал Хэлинге (Каракорумга) кирди. Ушул жерде ага кыргыздарды алууга буйрук келет. 1293-жылы жазында аскерлер Цяньхэ ясынан жайылып чыкты да, муздун үстү менен бир нече күн жүргөндөн соң гана кыргыз музапатынын чегине жетишти. (Тутуханын аскери) алардын беш уруу элин ээледи, аларды кайтаруу үчүн (монголдор) аскерин (алардын музапатына) жайлаштырды. Тутуха бул тууралуу кабар кылып, даражасы жогорулады… Кыргыздарды басып алганын угуп, Хайду (аларга жардам берүү үчүн) Ценьхз (Энесай) дарыясына аскерин жөнөттү. Тутуха аларды кайра талкалап, Хайдунун аскер башчысы Болочту туткунга алды». Ошентип, кыргыз жери кайрадан Юань империясынын карамагына өтөт. Кыргыздардын бир бөлүгү Минусин менен Тувадан козголоңчул Наян ноёндун мурдагы музапатына, Маньчжурияга көчүрүлөт. 1293жылы аталган аймактарга «Усухань (Юаньсухань), Ханас жана цзилицзи… (кыргыз) урууларынын» калган жамааттары да көчүрүлөт. Император Хубилайдын буйругу менен кыргыздар, калган башка уруулар аскерий көчкүндөр катары атайын курулган Чжаочжоу шаарына апкелинет. «1293-жылы ага (Хара-Батурга) кайрылып император Ши-цзу (Хубилай) айтат: «Байыркы Наян жери Абалаху деп аталат, ал балыкка мол. Азыр мен ал жерге шаар курдум, ага үч уруу элди: юаньсухандарды, хакастаущы, цзилистерди (кыргыздарды) отургуздум. Бул Шаар Чжаочжощ деп аталат. Сен ошол жерге бар да, сюаньвэйниний (округдун начальниги) кызматын карма». Кыргыздардын экинчи бир жамааты «Хэсыхэ жерине», Маньчжуриянын дагы бир аймагына көчүрүлгөн эле. «1293-жылы Шицзу (Хубилай) Хэсыхэ жерине аскер көчкүндөрү катары чжирхэхусотай (лык) цирцзистердин (кыргыздардын) 700 үй-бүлөсүн жай алдырды». Бул чаралардын баары козголоңчул урууларды этникалык бөлөк-бөтөн чөйрөгө көчүрүп таратып, көчкүндөрдүн өзүн алар байыр алган аймактарды катуу көзөмөлдөп туруу максатын көздөп жасалган. Башкаруунун мындай тартиби император Хубилай өлгөндөн кийин деле улантылып келген. Император Тэмурдун тушунда «1295-жылы Цзиншань (Алтай) тоосундагы кыргыздарды Шаньдунга көчүрүп келишип, аларга жер, өгүз, аштык беришти». Мына ушул калайманда жер которуп, чачылып тарап Энесайда кыргыз эли абдан чоң жапа чекти. Ал сан жагынан алда канча азайып, чогуучаран жайлаган жерлери тарыды. Минусин жайыгындагы кыргыз жана кыштым калкынын ооматы оошту. Ээн калган аймактарды кыштым уруусундагы тайпалар ээлеп калды. Монгол бийлигин жүргүзгөн төбөлдөр кыргыздар менен жоолашууда кыштымдарга таянууга ачыктан-ачык аракет жасашты. Монгол доорундагы кыштымдардын эстеликтеринен жоо-жарак турмандары аз кездешпейт. Кыштым уруусундагы ак сөөктөр жамаатынын көрүстөндөрү пайда болот. Коюлган ыскат буюмдары барк-наркы жагынан кыргыздардыкынан кем калышпайт. Кыргыздар көчкүн болуп, сүрүлүп келген жерлерден алардын айрым эстеликтери табылган; Борбордук Монголиядан, Каракорумдун чет жакасынан кыргыздардын өлүк өрттөлгөн бирин-серин таш мүрзөлөрү чыккан.

Юань императору Тэмур бийликте турган маалда, 1295-жылдан 1307-жылга чейинки мезгилдин аралыгында кыргыздардын жери Камал аким башкарып турган Линбэй провинциясынын карамагына кирген; «Каракорум, Онон, Керулен, Кэм-Кэмжит, Селенга, Баялык өлкөлөрүнүн кыргыздардын чектерине Буркан-Холдун аталган улуу Чыңгыс коругуна чейин баарын ал башкарат».

Саян-Алтай аймагынан кыргыздардын бир жамаатын сүрүп чыгарып, монголдор ал жерлерге этникалык башка тайпаларын аскер отуруктарын түзүшкөн. XIII кылымдын аралыгында мындай отуруктар Туванын атыраптарында барпаа болот, кейпи ал Минусинде да болгон шекилденет. Аларга монголдорду, уйгурларды, ал тургай кытайларды да жайгаштырышкан. Кийин XIV кылымдын башталыш ченинде император Тэмур өлүп, бийлик Хулугхандын (1308–1392-ж.ж.) колунда турган учурда да отуруктарды түзүү улантылган. Кыргыздардын жери бул мезгилде дале болсо Юань империясынын карамагында турган. XIV кылымдын этегинде Юань империясынын кыйрашы менен Саян-Алтай аймагындагы анын административдик системасы, аскер отуруктары жоюлган. Кыргыз жерлери ойроттордун көз карандылыгына туш болуп, ойрот жана халкос кандарынын ортосундагы уруш-чабыштардын майданы болуп калган.

ЭНЕСАЙ ЖАНА ТЕҢИР-ТОО ЧИЕЛЕНГЕН ТҮЙҮНДӨР

Энесай жана Тянь-Шань кыргыздарынын түпкү теги жайындагы маселе окумуштууларды көптөн бери эле көйгөйгө салып келет. Көпчүлүгү азыркы кыргыздарды урук-урку жагынан ошол Энесай боюн тургун кылган эзелки кыргыздардын урпагы деп эсептешет.

Мындай пикирди ата мекендик тарыхнаамада биринчи болуп Г.Ф.Миллер айткан. Анын соңунан бул маселеге

И.Э. Фишер кайрылып, XVIII кылымдын этегинде жунгарлар Россия менен түзүлгөн шартнаамага ылайык кыргыздарды Энесайдан Тянь-Шанга сүрүп көчүргөн болуу керек деп жоромолдогон. Бул божомолду К. Риттер, Ю. Клапрот ж. б. колдогон. Н. Я. Бичурин болсо бөлөкчө көз карашты тутунган, ал Энесай менен Тянь-Шандын кыргыздарын эки башка эл деп эсептеген. XVIII жана XIX кылымдын башталышындагы окумуштуулар негизинен VII кылымдагы энесайлык кыргыздар жайынан кабар берген орустардын тарыхый дарекнаамаларына, ошондой эле Хань, Тан жана Юань империяларынын тушундагы кытай жылнаамаларына таянышкан.

Аталган маселеге кезинде Ч. Валиханов да кызыгып, Абул-Газикандын жазмаларындагы маалыматтарды, кыргыздардын тарыхый уламыштарын огожо тутуп, иштин түйүнүн чечмекке аракеттенип көргөн. Натыйжада, ал кыргыздар азыркы аймагынан эч кайда жер которуп, ооп көчпөсө керек дегендей пикирде калган. Анткени уламыштарда «муну эл өзү караманча төгүнгө чыгарат, көчүп-көчпөгөнүн билбейт жана эстей албайт, жамы баары Анжиян тоолорун өз мекени деп эсептейт, ушундан улам бу кыргыздар анжияндыктар (ошондон чыкканбы) болгонбу деген ойго келесиң. Чынында эле жапан кыргыздар азыркы жеринде, б.а., Кашкар менен Анжияндын ортолугундагы тоолордо эзелтен бери жашап келет». Айтмакчы, «эзелтен» дегени Ч. Валиханов үчүн «XVII кылымга чейин» дегенди гана билдирет, б. а., ал кыргыздарды XVII кылымда Теңир-Тоого жунгарлар сүрүп көчүргөн деген божомолду жокко чыгарат, болгону ушу. «Деген менен бул маселени бир жаңсыл кылып айкындоо үчүн, биринчиден, жапан кыргыздарды ошол Сибирь кыргыздары менен бир эл, болгону Чыгыш Түркстанга Чыңгысханга чей ин же анын заманында көчүп келген; экинчиден, мурда айтылып келгендей, Сибирь кыргыздары күчкө салып көчүрүлбөй эле, тек гана ар кандай оңтойсуз кырдаалдардын айынан жер оодарып кетишкен, эми башта каерде жашаса ошол жерде турушат дегенибиз жөн болот». Айтор, ал Чыгыш Түркстанга караганда кыргыздарды Сибирден монголдорго чейин же алардын тушунда көчүп келиши ыктымал деп эсептеген.

Бул маселенин XIX кылымдын орто ченине чейинки иликтелген натыйжаларына таянып, В.В. Радлов кыргыздардын Энесайдан Теңир-Тоого жер оодарып келишин адегенде IX кылымдагы кыргыз мамлекетинин зоболосу көтөрүлүп, зор болуп турган мезгилде алып тогоштурган. Бирок кийин бул пикиринен кайтып кыргыздар Саяндын түндүк аймагындагы байыр кылган баштагы жеринен XIII кылымда монголдордун дүмөгүнөн бир жамааты ТеңирТоого, экинчиси Минусинге, үчүнчү тайпасы Саяндын түндүгүнө сүрүлүп, үч багытка тарап кеткен болсо керек деп божомол жасаган. Муну ал этнография жана тил илиминдеги маалыматтарга таянып айткан.

Кыргыздардын урук-уруулары жөнүндөгү маалыматтарды пайдаланып, «бурут» жана «болюй» деген терминдердин тектештиги жакында кытай жазма даректеринде айтылган жоромолду эп көрүп, Н.А. Аристов кыргыздар тээ б. з. чейинки III кылымдан бери эле усун деген ат менен Теңир-Тоодо жашап турган деп божомолдоду. В.В.Бартольд болсо адегенде кыргыздарды Теңир-Тоого Энесайдан IX–X кылымдарда көчүп келген деп эсептеген. Бирок кийин 1927-жылы илимге белгилүү болгон бардык кытай жана мусулман жазма даректериндеги маалыматтарды иргеп, иреттеп чыккан соң, «кыргыздар ушу азыркы жашап турган жеринде биринчи мерте XVI кылымда гана эскертилет, анын үстүнө биз көрүп тургандай, бул жерге алардын качан жана кантип келишкени тууралуу эч кандай маалымат жок» деген бүтүмгө келет. Ага С.Г.Грумм-Гржимайло каяша айтып, «кыргыз-буруттар» монгол дооруна чейин Баргужин-Токумду бай ырлап, буряттарга коңшулаш жашап турган, ал жерден Теңир-Тоого «кебетеси, XIII кылымда» көчүп келишкен көрүнөт деди.

Аталган маселенин түйүнүн чечүүдө археологиялык табылга-таныктарды кеңири колдонуу тажрыйбасын алгач ирет А. Н. Бернштам баштады. Анын божомолуна ылайык, кыргыздардын тарыхы тээ б. з. чейинки IV миң жылдыкка, Энесай менен Теңир-Тоо жалпы бир этномаданий чөлкөм болуп турган алыскы доорлорго барып тогошот. Маданий жактан алардын «эң окшош» белгилери «андронов мезгилине» туура келет.

«Жергиликтүү айырмачылыктары скиф доорунда күч алат. Бу мезгилде Энесай менен Теңир-Тоодо чынында улку-бурку тектеш бир гана раса болгон, аны биз динлиндер урку десек да болот». Бул этномаданий бирдик гунндардын аламан жапырыгынан апааты чыккан. «Энесай менен Теңир-Тоо ошо кездеги Борбор Азиянын шаркеттери үчүн эки фронт болуп берген. Гунндар бир мезгилде усундарга да, энесай кыргыздарына да жортуул жасап турган».

Кыргыздардын энесайлык жана теңир-тоолук болуп эки тарамга ажырашы да ушул мезгилге туш келет. Сяньби, тоба жана жужун будуңдары үстөмдүк жүргүзгөн кийинки доорлордо эки «тарам» кошулбай, «бөлүнгөн» бойдон калган.

Түрк каганатынын тушунда гана энесайлык жана теңир-тоолук будуңдардын кандайдыр бир деңгээлдеги кошулуу процесси болуп өтөт. Бирок теңир-тоолук батыш түрктөр ушул эле мезгилде энесайлык кыргыздарга эки мерте чындап курал жазгаганга» үлгүрдү. Андан соңку кезеңдерде түрктөр менен уйгурлар эки майданда жоолашып, чабышып келди. «IX–X к.к. Энесай кыргыздарынын ооматтуу доору, кыргыздардын баатырдык эпосу «Манастын» жаралуу доору болду». Андан кийин кыргыздар кара кытай, монгол будуңдары менен жоолашып, алардан жеңилип калды. «Энесайдагы кыргыз мамлекети акырындап жок боло баштаган». Кочкордогу төрткүл казыналарынан табылган асем буюмдары менен өлүккө кошуп жылкы көмүлгөн көрүстөндөрдү А. Н. Бернштам кыргыз маданиятынын Энесайдан Теңир-Тоого оошуп келген жөрөлгөсү деп эсептеген. Анын айтымында Манастын прототиби 840жылы уйгурларды караткан кыргыз каганы болгон экен, аны окумуштуу «Яглакар кан» деп атайт.

1953–1955-жылдары Кыргызстандын аймагында СССР ИАсынын археологиялык-этнографиялык комплекстүү экспедициясы иштеп, кыргыздардын түпкү урку жана этникалык тарыхы жайындагы материалдарды иликтепизилдеп чыкты. Анын натыйжалары СССР ИАсы менен Кыргыз ИАсынын кыргыздардын элдик тек-жаатына арналган илимий сессияларындагы талаш-талкууларда айтылып, экспедиция бастырып чыгарган эмгектерде баяндалды. Энесайлык жана теңир-тоолук кыргыздардын этникалык түпкү-урку боюнча изилдөөчүлөрдүн тутунган пикирлери эки ача болуп бөлүндү. Археологиялык отряддардын бирин жетектеп, Ак-Бешим төрткүлүн казып-изилдөөгө катышкан Л. Р. Кызласов энесайлык жана теңир-тоолук кыргыздардын этномаданий жактан бир уңгудан чыкканын көрсөткөн эч кандай танык табылбады деп ырастады. Арийне, ал мурдатан эле ушундай көз карашты тутунуп, Энесайда кыргыздар эч качан болгон эмес, аны «байыркы хакастар» гана байырлап келген деп көшөрүп келатканын эске алсак, андан «илимий изил дөөлөрдүн» башкача жыйынтыгын күтүүгө болбойт эле. А. Н. Бернштамга келсек, ал аталган маселе боюнча өзүнүн биз өйдөдө эске салып өткөн көз карашын баяндады. В.П.Алексеев болсо антропологиялык маалыматтарды талдап келип, энесайлык жана теңир-тоолук кыргыздардын түпкү теги бир деген божомолду колдоду. Кыргыз калкынын Теңир-Тоого ооп келгенин башка антропологдор да белгилеп, алардын таралып чыккан жери Алтай деп болжоп, көчүп келген мезгили б. з. II миң жылдыгына туш келет деп, тактап тастыкташты. Тилчи адистер азыркы кыргыз жана алтай тилдеринин тектештигин ырастап сүйлөштү. Этнограф С. М. Абрамзон кыргыз урууларынын составында түрк, кыдан жана монгол тегиндеги этникалык тайпалар бар экенин аныктады. Айтор, жалпысынан алганда, кыргыздардын түпкү тегин аныктоонун тегерегиндеги талаш-тартыштар маселенин али жетишсиз изилденгенин айгинелеп, аны мындан ары дагы тереңдетип иликтеп-үйрөнүүнүн зарылдыгын баса белгиледи. Колдо бар маалыматтарга караганда, кыргыз эли, анын маданияты эки уңгудан: орто азиялык тургун жана борбор азиялык келгин уңгудан түптөнүп түзүлгөн деп айтууга болот.

1960-жылдардын башталышында К.И.Петров кыргыздардын түпкү ата-теги боюнча бир катар эмгектерин жарыялап чыгарды. Ал кыргыз урук-урууларын бурку кандай, урку ким, ушу жагынан тарамдап тактап, алар тили жагынан түркий тилдердин кайсы танабына кошуларын, кыргыздардын антропологиялык өзгөчөлүктөрүн талдай келип, кыргыздар монгол дооруна чейинки мезгилде түз эле Энесай боюнан көчүп келиши мүмкүн эмес деген тыянакка келген. Анын ою боюнча, биздин замандагы миң жылдыктын этегинен баштап, Обь дарыясынын өйдөкү алабын тургундап, кийин Чыңгыс тукумдарынын араздашкан адабаттарынын маалында монголдордун кысымына кабылып, XII–XV кылымдарда Теңир-Тоого жер оодарып кетишкен калмак-кыргыз (кыпчак-кыргыз) будуңдары азыркы кыргыздардын ата-теги болгон экен. Ушундай көз караштарга катарлаш эле кыргыз эли-түпкү теги жөнүндө Л. Р. Кызласов өзгөчөлүү пикирин көшөрүп айта баштады. К. И. Петров энесайлык кыргыздарды теңир-тоолук кыргыздардын түздөн-түз ата теги катары эсептебесе да, «Обь дарыясынын өйдөкү алабындагы кыргыз-кыпчак будуңдары», «кымак-кыпчак жана кыргыз урууларынын ортосунда өзүнчө бир орток абалда турганын» демек, «теңир-тоолук кыргыздардын түпкү аталары энесай кыргыздары менен этникалык теги жагынан кандайдыр бир кыйыр байланышта» болгонун жокко чыгарбай отурса, Л. Р. Кызласов энесай менен Теңир-Тоо кыргыздарынын кенедей да жакындыгы жок деп караманча танып чыкты. Анын ою боюнча, Энесайда кыргыз аттуу эл эзели болгон эмес, байыркы хакастар гана жашаган, «кыргыз» деген ат бар болгону ошол хакастардын «башкаруучу ак сөөк уруусун» билдирет. Азыркы кыргыздар «борбор азиялык кыргыздар» деп аталган будуңдардан, кезинде «түрк жана уйгур каганатына кирген ар кошкон элдерден, алтайлык, чыгыш казакстандык уруулар менен тек-жаатчылыгы бар түрк тилдүү тайпалардан» тараган эл экен. Көрсө, алар монголдордун кол астында калып, «акырындап отуруп баарынын башын кошкон кыргыз деген атка конушуптур». Л. Р. Кызласовдун оң аңытын ээрчисек, Борбор Азиядагы кыргыздар монгол оторлугунун маалында Юань феодалдарына төбөсү менен жер сайып кызмат кылышыптыр, кийин алардын «негизги уюткусу» XV кылымда Теңир-Тоого көчүп келишиптир.

Мындай ашепке көз караштарга каршы Ө. Караев катуу каяша айтып чыкты. Араб жана парсы тилиндеги жазма даректерди талдоого алган эмгегинде ал б. з. ч. IX–XII кылымдарында кыргыздардын байыр кылган жерлери: алардын уйгур, карлук, чигил, ягма, кымак будуңдары, «мусулмандар» менен колтукташ, коңшулаш турушканы, маданиятындагы айрым өзгөчөлүктөрү жайында кабарлаган бир катар маалыматтар Теңир-Тоонун чыгыш танабын кыргыздардын бир жамааты тургундап келишкенин кашкайта ырастайт деп баса көрсөттү. Мындан тышкары ал Л. Р. Кызласовдун энесайлык жана «борбор азиялык» кыргыздар жайындагы көз караштарын адилет сынга алды. Бул сынды С. Е. Яхонтов, И. А. Сердобов, ушул эмгектин автору жана башка изилдөөчүлөр колдошту. Ө.Караев К. И. Петровдун көз карашын да макул көрбөй, талашка чыкты.

Бирок «Кыргыз ССР тарыхынын» кезектеги басылышында кыргыз элинин түптөлүп түзүлүшүн баяндаган баптарда аталган маселе боюнча дал ушул К. И. Петровдун көз карашы жазылып калды. Ырас, анда энесайлык кыргыздардын мамлекетине арналган тароо да бар, ал кыргыз элинин этникалык бир уңгусу катары көрсөтүлөт, кыргыз тилинин түзүлүү тарыхында Энесайдагы жана Саян-Алтайдагы «байыркы кыргыз доору» белгиленет. Кыскасы, кыргыздардын этникалык тарыхындагы «Энесай доору» кыйылыңкы-кыйыр түрүндө болсо да кабыл алынып таанылган.

Ал эми «Кыргыз ССР тарыхынын» акыркы басылышында болсо кыргыз элинин ата-тегине байланыштуу маселенин «азыркы жандырмагы» теңирден тескери мааниде чечмеленген. Анын тарыхнаамалык бөлүгүндө: «Энесайлык кыргыздар кыргыз элинин түпкү теги болгон эмес, алардын этникалык уюткусунан хакас эли келип чыккан» – деп айтылат. Арийне, кыргыз каганатындагы окуя лар жайында кабарлаган айрым маалыматтар аталган эмгекте кантсе да келтирилет, бирок ал окуялардын кыргыздардын тарыхына таптакыр тиешеси жок деп табылат. Авторлор Иртыш боюндагы кымактарды азыркы кыргыздардын ата-теги деп эсептешет. Көрсө, Алтайга сүрүлүп келген кыргыз тайпаларын ассимиляциялап, алардын этнонимин алып, «кыргыз» болуп аталып кетишиптир. Авторлордун айтымында, XIII кылымдагы «кыргыз кандыгы» дал ошол Алтайда болуптур. «Кыргыз» деп аталган ошо кымак-кыпчактардын жери монгол оторлугунун маалында Монголистанга кошулган экен, XV кылымдын орто ченинде алар Теңир-Тоого көчүп келишиптир. Бу көз караш С. Г. Кляшторный, А.М. Мокеев, В. П. Мокрынин жарнакташып жазган эмгекте андан ары өнүктүрүлдү. Аталган үч автор кыргыз элинин этникалык уюткусу Иртыштын жака-белинде, түндүк жана Тоол уу Алтайда түптөлгөн деп эсептешет. Аерде Х–ХI кылымдарда кымак-кыпчак уруулары менен үстөмдүк абалды ээлеген кыргыздардын Энесайдан ооп келген жамааты биригип, этносаясий тайпа түзүлгөн экен. XII кылымдан кийин алардын урку түгөл бойдон кыпчактардын нуркуна жуурулушуп кетиптир, бирок «кыргыз» деп аталып калыптыр. Иртыштын боюнан, Тоолуу Алтайдан дал ошол кыргыздар XVII кылымдын орто ченинде жер которуп, Теңир-Тоонун жака-белине келип жайлашкан экен да, а жерден монгол, түрк урууларын ассимиляциялап алыптыр.

Ушул ой V Түркология жыйынында да аталган авторлордун докладында айтылып, бүйүр кызыткан талаш-тартышты чыгарды. Кыргыз этногенезинде кыргыз мезгили болгон деген пикирге Ө. Караев, Т. Чороев, В. Я. Бутанаев, Ю. С. Худяков, Ю. И. Трифонов каршы чыгып, каяша кылышты. Алардын бардыгы кыргыздардын этникалык тарыхында «Энесай доорун» эсепке алуунун зарылдыгын айтышты. Э.Р.Тенишевдин докладында кыргыз элинин жана тилинин калыптанышын дагы Энесай, Алтай, Теңир-Тоо этаптары деп аталган мерчемдүү үч кезеңдин болгондугу көрсөтүлдү.

Акыркы жылдардагы талаш-тартыштар энесайлык жана Теңир-Тоолук кыргыздардын өз ара катышы, алардын урку-нурку жагынан белгилүү байланыштары бар экени жайында козголуп келаткан маселенин такыр маанисин кашкайта көрсөттү. Анын үстүнө азыркы кездеги илимдин бийигинен караганда, бу жагынан айтылып келаткан  бир катар божомолдор илимий маанисин жоготту. Мисалы, тээ эртеги темир доорунда, б. з. I миң жылдыгында Энесай менен Теңир-Тоону жердеген будуңдар этномаданий  бир  жалпылыкты түзгөн деп айтышкан Н.А.Аристовдун, А. Н. Бернштамдын жоромолдору айласыз эскирди десек болот. Андан калса алардын айткандары аталган маселеге тикелей байланышпайт, неге дегенде ошондогу гяньгун-кыргыз деген ким экенин, алардын маданияты кандай болгондугун аныктап чыгуу кыйын. Н.А.Аристов кытай жазма даректеринде б. з. чейинки II–I кылымдардагы жана б. з. XVIII кылымдагы окуяларды баяндаган кабарларда кезиккен айрым бир этнонимдер менен политонимдердин кыялый үндөштүгүнө таянган. Азыр андай «окшоштуктарды» огожо көрүү эп болбос эле. А. Н. Бернштам болсо Борбордук Азиянын эзелки калкын бир бүтүн этнос катары карап, хунн, сяньби, жужан, түрк, уйгур будуңдарынын аламан жапырыктарынан экиге бөлүнүп, биздин замандагы I миң жылдыктын этегинде гана кыргыздардын бир жамаатынын Энесайдан Теңир-Тоого көчүп келиши менен «кайра кошулган» деп эсептеген. Окумуштуу кыргыздар жайын Орто кылымдарда реалдуу жашаган түрк тилдүү калк эмес, көбүнесе динлиндердин «абий көздүү, сары чачтуу» тукумдары катарында сөз кылган. Бирок тарыхтагы динлиндер Энесайды да, Теңиртоону да дегеле байыр кылган эмес, Монголияда жашап, б. з. V кылымында гяньгундар менен «аралашып» кетишкен. Кыргыздардын IX кылымда Теңир-Тоого көчүп келишкенине далил катары келтирип, А.Н. Бернштам сунуш кылган археологиялык табылга-таныктар, атап айтканда, ыскат үчүн көрүстөнгө жылкы коюп, өлүккө коштоп көмүү ырасмысы да мезгил сынагынан өтө албады. Андай эстеликтер кыргыздарга эмес, түрк тилдүү башка элдерге таандык болгон. Бул жоромолго бир кезде кыргыздар ыскат үчүн көрүстөнгө жылкы коймо салтка өтүшкөн деп айткан С. В. Киселёвдун, Л. А. Евтюхованын, В. П. Левашованын жаңылыш түкшүмөлү негиз берген. Ал пикир эбак эле кайра каралып чыккан.

«Борбор Азия кыргыздары» деп аталган калк азыркы кыргыздардын түпкү аталары болгон имиш деп ырастаган Л.Р.Кызласовдун жаңы божомолу да эч нерсеге жарабай калды. Анын бул«табылгасы» кытайча «Хэсыхэ» деген терминди качылардын бир тайпа уруусу «хасха» менен жаңылыш түрдө окшоштуруп алгандан, ошондой эле «кытай иероглификасындагы» энесайлык кыргыздар (цзилицысзы) менен борбор азиялык кыргыздарды (циэрцис) туюнткан терминдердин жазылышындагы «айырмачылыктан» улам пайда болгон. Кытай тилинен жана жазмасынан караманча кабарсыз экенине карабай иероглифтердин айтылышын Л. Р. Кызласов минтип биринчи же экинчи мерте батылдыкка салып чечмелеп жаткан жок. Бирок бул анын божомолдорун бекемдеп бере албайт. «Хэсихэ» ырастан эле качылардын жерин билдирип «цзлизиси» менен «циэр-цисы» терминдеринин жазылышында айырмачылык болгон күндө да мындан монгол жаангеринин мартабасын ашырмакка энесайлык кыргыздарды багынтып-басып алып, а бирок өзүн ошол баш ийген журттун аты менен атап калган кандайдыр бир «борбор азиялык кыргыздар» деген немени ойлоп таба коёт да, кайра ошол замат «борбор азия кыргыздарынын» тарыхын териштирүү биздин максатка жатпайт» деп, аларды ара жолго таштай салганы төгүн жерден эместир.

К. И. Петровдун көз карашын улантып, кыргыз-кымактарды Алтайдан көчүп келишкен деп ырасташкан Г.Кляшторный, А. М. Мокеев жана В. П. Мокрыниндин пикири биз өйдөдө кайрылып өткөн Н. А. Аристовдун, А. Н. Бернштамдын, Л. Р. Кызласовдун божомолдоруна караганда кыйла жүйөлүү өңдөнүп көрүнөт. Бирок анын да арсар кылуучу жерлери аз эмес. Алсак, азыркы кыргыз этносунун тил, маданият жана антропологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык алардын баштапкы байыр кылган жерлерин аныктоого аракеттенип, алтайлыктардын антропо-лингво-маданий өзгөчөлүктөрү менен болгон окшоштуктарды белгилеп келишет да, автор окшоштуктардын жаралган мезгилин жана жерин түк такыр капарга алышпайт. Азыркы алтайлыктар дегеле Тоолуу-Алтайдын түпкү тургундары болгон эмес, андыктан окшош белги лердин жаралышы Жунгария менен Монгол алтайын камтыган бир кыйла кеңири аймакта болушу мүмкүн. Айткандай эле азыркы кыргыздардын этнографиялык көп өзгөчөлүктөрүндө, маданиятында, фольклорунда тилинде алтайлыктар түгүл Саян-Алтайдын хакас, тува сыяктуу башка элдери менен түспөлдөшүп турган андай окшоштуктар таасын байкалат. Үч автордун божомолундагы көптөгөн жалпы жоболор Алтай менен Иртыштын археологиясы жайында азыркы туштагы билимдердин абалына дал келбейт. Кыргыздар менен калмактардын маданияты IX–X кылымдарда Обдун жана Иртыштын жака-белиндеги түзөңдүү аймактарда тогошуп, чектеш болуп турган, бирок андан «кыргыз-кымак» маданияты барпаа болгон эмес. Кымактар Тоолуу Алтайды жердеген эмес. X кылымдан кийин маданияты кыйрап, жок болгон. Кыргыздар болсо ал кезде, б. а., XI–XII кылымдарда Тоолуу Алтайды тургун кылып турушкан, муну алардын ошол кездеги маданиятынан калган эстеликтери далилдеп отурат. Мына ошентип, «Алтайда жана Иртыштын жака-белинде кымактардын кыргыздарды ассимиляциялап алганы» археологиялык табылгаларда тастыкталган жок. Аргындашкан «кымак-кыргыз» урууларынын биздин замандагы II миң жылдыктын не башталышындагы, не андан соңку доорлордогу эстеликтери Теңир-Тоодон да чыккан жок. Тескерисинче, тарыхый маа лыматтар менен археологиялык табылга-таныктар б.з. II миң жылдыгы башталган мезгилде, б. а., кымак каганаты кыйрап, тыйпыл болгондон кийин Иртыштын негизги калкы кыпчактар Теңир-Тоого эмес, батышты көздөй, Уралдын атырабына, андан ары Кара деңиздин кылааларына көздөй жер оодарып көчүп кетишкенин тана алгыстай кылып тастыктап турат. Алар XI кылымдан тартып дал ушул аймактарда половецтер деген ат менен тарыхта белгилүү. Мына ушунун баары аталган үч авторд ун божомолдору олуттуу түзөтүүгө муктаж экенин көрсөтөт, демек, анын «кымак» делинген жалганма уңгусун керте чаап таштоо зарыл.

Өз кезинде айтылган бардык көз караштардын ичинен биздин пикирибизче, кыргыздардын Энесайдан Теңир-Тоого келиши эки этапта жүргөн деген божомолдун чындыкка алда канча жакындыгы бардай көрүнөт. Ага ылайык, адегенде кыргыздардын бир жамааты Энесайдан IX–X кылымдарда Чыгыш Түркстанга жана Монгол Алтайга көчүп келет да, алар б. з. II миң жылдыгынын башталышында энесайлык жана Чыгыш Түркстандык болуп эки этноско ажырайт; андан соң XV кылымда Чыгыш Түркстан кыргыздары Теңир-Тоого жер оодарып келишет. Бул көз караштын айрым өңүттөрүн мурда В. Радлов, В. В. Бартольд айтып өтүшкөн, аны А. Н. Бернштам да колдогон. 1960-жылдардын башталышынан тартып муну Ө.Караев жигердүүлүк менен жактап, өнүктүрүп, өөрчүтүп келет. Баарынан да энесайлык жана теңир-тоолук кыргыздардын түпкү урук-урку жөнүндөгү ушул пикир гана жазма даректердеги маалыматтарда түздөн-түз далилге ээ болуп жатат. IX кылымда кыргыздар Чыгыш Түркстанга жортуул жасап, Беш-Балык, Куча, Үч-Турпан ж. б. шаарларды эчен ирет басып алып турушканы тарыхта так далилденген. Мындай аламан жапырыктар «кыска» мөөнөткө созулганы менен IX кылымда кыргыздар Чыгыш Түркстанды такай кол алдында кармап турган. X кылымда кидандар монгол талааларын басып алгандан кийин гана алар Чыгыш Түркстанга жортуул жасап, Сыдырга жүрбөй калган. Бирок ал жерде кыргыздардын кайсы бир жамааты жашап калган. X кылымдын этегинде ошол кыргыздар турпандык уйгурлардын көз карандылыгына өткөн. Бул тууралуу X кылымдын акырында Турпандагы уйгур кандыгына келип кеткен сун журтунун элчиси Ван Яньдэ эскерет. «Кыргыздар», ал жазгандай, түрк, чигил, ягма, карлук жана башка будуңдар менен бирге «Гаочан мамлекетинин кол астында» турушат. Ө. Караев мына ушул сыяктуу X–XIII кылымдардагы кыргыздар жайында кабарлаган мусулман жазма даректериндеги маалыматтарды ийнежибине чейин иликтеп, абдан кадалып карап чыкты. Ал маалыматтарда кыргыздардын жери Турпан уйгурлары менен коңшулаш, уйгур идикуттары байырлаган ээликтердин түндүктөгү жана батыштагы чектерине жамаатташ, карлуктар менен ягмалардын жеринен түндүктө, чигил дердин түндүк, кымактардын түштүк-капталында турганы айтылат. Андан тышкары колтукташ жаткан «мусулман кошуналардын» таасири тийип, кыргыздардын маданияты айрым жактарынан өзгөрүүгө учураганы, атап айтканда, өлүктү мурдагыдай өрттөп көмүү адатынан жерге коюу өнөкөтүнө өтө баштаганы белгиленет, мунун өзү аталган мезгилде кыргыздар Чыгыш Түркстанды байырлап турганын айгинелейт. Болгону бул жерде тактай турган бир гана жагдай бар, атап айтканда, мусулман санжыралары Энесай менен Чыгыш Түркстан кыргыздары жөнүндөгү маалымат даректерди көп учурда бир бүтүнгө бириктирип, чогуу жазышкан, кагазга каттаганда аларды өз-өзүнчө бөлүп, ажыраткан эмес. Ошондон улам, ХII кылымдагы кара кидан гурханынын жортуулдары жа йындагы маалыматтарда, кебетеси, Чыгыш Түркстан кыргыздары айтылып жатса керек деп божомолдосок болчудай. Анткени Кашкар менен Хотанды алган соң, Елюй Даши «кыргыздардын чегине аскерин атказып… Беш-Балыкты басып алса», демек, кыргыздардын «чеги» Беш-Балыктын жака-белинде болгон десек жүйөлүү болот го. «Уйгур өлкөсүнө чектеш турган кыргыз аймагына» жапырым жасаган найман төбөлдөрүнүн жортуулдары жайында да ушуну айтсак болчудай. XIII кылымда Чыгыш Түркстанда кыргыздардын жери монгол мамлекеттеринин карамагына өтүп, адегенде Чагатай улусуна, андан кийин Хайду улусуна карап, ал эми Хайду улусу XIV кылымда кыйраган соң, Моголистандын составына кирген. Бул мезгилде кыргыздар XV кылымда ушул аймакта жашаган уруулардын катарында жазма даректерде бир нече жолу эскерилет. Кыргыздар «жаңгел будуңдарынан» болгон, Моголистандын токойлуу аймактарында жашаган. Моголистан кандары үчүн алар мамлекеттеги «бардык чыр-чатакты баштаган» адабатчыл эл болгон себептүү кыргыздарды өлкөнүн борбору ТеңирТоого сүрүп көчүрүп салышкан. Башка бир маалыматтарга караганда, XV кылымдын орто ченинде бир жамаат кыргыздардын «өзү калаймандан баш калкалап качып чыгышкан да, тоолорго (Теңир-Тоого) келип жашынган» экен. Мына ошо күндөн тартып, кыргыздар Теңир-Тоодо туруп калышат. XVI кылымда бу жерде кыргыздардын өз алдынчалуу шаркети болгону, ага Мухаммед деген башчылык кылганы тарыхта дайын. Чыгыш Түркстандан ушу кездеги Кыргызстандын аймагына жер оодарып келген мына ошо кыргыздардан азыркы кыргыз эли түптөлүп түзүлгөн.

Которгон Эсенбай НУРУШЕВ

Эскертүү: «Енисей» – азыр «Энесай» да болуп алынып жүрөт. Илимий эмгектерде анын экөө тең пайдаланылууда. Ошондуктан макалада эки термин колдонулду.

ЯҢ РУҢЛИ

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАЗУУСУ, МАДАНИЯТЫ ЖАНА КАЛЕНДАРЫ

Жуңхуа (кытай) улуту узак маданий тарыхка жана залкар маданиятка ээ. Жуңхуанын шаңдуу маданияты ар кайсы аз сандуу улуттар маданияты менен жуурулушуп калыптанган. Аз сандуулуктардын маданияты жунхуа улуттарынын жөрөлгөлүү маданиятынын айрылбас бир бөлүгү.

Кыргыз улуту кытай тарыхындагы эң байыркы түркү улуттарынын бирөө болуп, мамлекетибиздин эң алгачкы жазма тарыхы болгон «Тарыхый эстеликте» аты аталып жазылганын көрөбүз. Ушул эстеликке негизделгенде кыргыз улуту эң алгач Энесай дарыясынын жогорку агынынын алабында жашагандыгы белгилүү. Кыргыз улуту күжүрмөн, акылдуу улут, ал өзүнүн шаңдуу маданиятын жаратып эле калбай, мамлекетибиздин жана Азиянын маданият тарыхында да жаркыраган өчпөс издерди калтырып, эбегейсиз зор салымдарды кошкон.

Кыргыздардын байыркы жазуусу

Кытай жана чет элдеги байыркы жазма даректерге негизделгенде кыргыздар түркү улуттар ичинде эң алгач жазуу жараткан улут экендигин көрүүгө болот. Франция тарыхчысы Шавамуни: «Те жаңы эранын бешинчи кылы мында эле кыргыздар Орхон-Энесай жазуусун (бир түрдүү түрк жазуусун) колдонгон» – деп айтканы бар. Америка окумуштуусу Геннатка Изнарда: – Түркү тилдеш улуттар ичинде кыргыздардын жаңы эрадан мурда 200-жылдар чамасында эле жазуусу болгон, – деп айтып берет. Мын дан башкасында мамлекетибиздеги кыргыздардын тарых маманы окумуштуусу Анвар Байтур: «Кыргыздар жаңы эранын V кылымынын баш ченинде 40 тамгалуу жа зууну колдонгон» – деп карады. Мындан башка, байланыштуу тарыхый эстеликтерге караганда Кыргызстандын Талас өрөөнүндө Орхон-Энесай жазуусунун ташка чегилген жазуусу табылган. Кыргыз жергесинен табылган жазуулардын тулку-турумуна караганда, байыркы кыргыздар улуу табияттын өзгөрүшүнө эгиз жана жашоо мазмундарына айкалыштыра, ошондой эле жан-жаныбарлар менен заттардын кебете, жорук-туругуна негизделип сүрөт кебете жазууларды урунган деп жоромолдоого абдан болот. Мисалы: жаа жебесинин кебетесине карай жасаган тамганын окулушу «ок», «к» болуп, бу жаа жебеси экендигин билдирет. Жана ак үйдүн сырткы кебетесине карай, үй өңдүү тамга жасаган, анын окулушу «й» жана бир түрдүү окулушу «үй» болуп, үй деген маанини билдирет. Ошол кезде кыргыздар бул жазууну «бакот» жазуу су деп атап, сүрөт жазуусу дегенди туюнткан.

Кыргыз улуту XIV кылымда ислам динине өткөндөн кийин, анан Орхон-Энесай жазуусунан чагатай жазуусуна көчтү.

Эмки Ала-Тоо кыргыздары кириль графикасынын тамгаларын негиз кылган жазууну колдонот. Мамлекетибиздеги кыргыздар араб графикасы тамгаларынын негизинде ислаат кылынып жасалган 30 тамгалуу кыргыз жазуусун колдонот.

Арабда эң алгач «түрк» деген сөздү VI кылымдан мурдагы жазма эстеликтеринде эле атап жүргөн. Ошол түркү тилинде сүйлөгөн кыргыздар уйгурлар сыяктуу улуттардын жашаган жери, Бурум тоолорунун арасында болгондуктан, тил жагынан, жайыкта жашаган түркү тилинде сүйлөөчү улуттарга бакканда байыркы түркү тилинин көп өзгөчөлүктөрүн сактап калган. Ошого кыргыздардын тилин иликтөө ошол улуттун тарыхын жана маданиятын билүүгө себеби тийип эле калбай, кадыресе жана башка улуттардын тарыхын, маданиятын иликтөөгө да жардамы болот.

Кыргыздардын маданияты

Кыргыз улуту башка боордош улуттарга окшош эле байыркы мол адабий мурастарга ээ. Кыргыздын адабий көркөм өнөрүндө оозеки адабияты өтө эле маңыздуу орунду ээлейт. Мамлекетибиздин адабият казынасында да белгилүү орунда турат. Байыркы кыргыздардын адабияты элдик адабият категориясына таандык болуп, нечен миң жылдар бою калың кыргыз элинин өндүрүштүк аманияты (иш жүзүндө) жана коомдук аманиятынын барышында жаратылган керемет чыгармалар болуп эсептелет. «Манас» кыргыз улутунун элдик адабиятынын өкүлдүк чыгармасы болуп, бул 300 000 сапка жакын баатырдык эпос оозеки түрүндө эл арасында уланып келди.

Кылым карытып ооздон-оозго, кулактан-кулакка уланып келген узун сапарында бул эпос такталып, комсоол уктан жатыкталып, такшалып отуруп, кыргыздардын элдик маданият мурасынын көхары эсептелип, кыргыздардын тарыхын, маданиятын, салтанатын, коомун териштирип баяндаган энциклопедия болуп калды.

Бүгүнкү күндө кыргыздардын тарыхы баатырдык эпосу «Манас» элкин өзгөчөлүгү менен доор чегинен аттап өтүп, дүйнө адабият көркөм өнөрүнүн чытырман чыт токоюн тепчий барып, дүйнөлүк оозеки адабият сахнасындагы көз уялткан көхары болуп жаркырап, дүйнө элинин орток маданий байлыгы болуп калды.

Кыргыз адабиятында элдик адабияттын мазмуну өтө эле мол болуп, жанры түрдүү, тарыхый эпосторунан бөлөк, кенже эпостору, дастандары, макал-лакап, жомок, тамсил, миф сыяк туулары бар.

Совет окумуштуулары кыргыз улутунун адабий көркөм өнөрүн оозго алганда: «Кыргыздар эң акылман улут, алар чечен, сөзмөр келип, баары эле ырчы өңдөнөт», – деп, таасын айтышкан. Кыргыздардын өзүмдүк өзгөчөлүгү эч кандай камылгасыз эле турган жеринен жамактатып ырдай салмайы четинен чыгат. Алардын ырларынын ар бир сөзүнүн мааниси өтө терең, мазмуну бай болуп, күчтүү уйкаштыкка куюлуп турат. Мындан кыргыздардын оозеки адабиятынын эмне деген өөрчүгөндүгүн көрүүгө болот. Элдик ырын алып айтсак, эмгек ыры, мактоо ыры, секетпайлар, кыз оюн ырлары, коштошуу ыры, бешик ыры сыяктуу көптөгөн түрлөрү бар. Бул элдик ырлар ар түрдүү ачылган байчечек өңдүү кыргыз жайлоосунда кулпуруп турат.

Кыргыздын элдик ырларынын аткаруу ыкмасы: алымсабак ырдоо, жалгыз ырдоо, айтыш сыяктуу үч чоң түргө бөлүнөт. Алым-сабак ырдашуу кыргыздардын маданий турмушунда олуттуу орунду ээлейт. Кыз ойноо жана башка көңүл ачуу кыймылдарынын баарында алым-сабак ырдашат. Алым-сабактын обону созолонуп жайбаракат, шыдыр, жагымдуу угулат да, бир гана чегерлеп койгон сөз тексти, музыка аспаптары менен коштолбойт. Ырдаган киши обонун өзү тандап алат. Ыр оозеки эмин эркин айтылгандыктан, таң-тамашалуу, түрдүү обондо созолонуп, эл көөнүн зооктондурат. Кыргыздардын жалгыз ырдаган ырларынын көбүндө арналуу сөзү жана обону болот, музыка коштолуучу ыры да, коштолбоочу ыры да бар. Обондун түзүлүшү жагынан караганда, алым-сабак обондоруна салыштырганда кеңирирээк болот. Бул түрдөгү элдик ырдын ыргагы уккулуктуу обону созолонуп күчтүү болот. Кыргыздарда айтышуу комуз менен коштолуп аткарылат да, көбүнчө ошол эле сорунда жамакталып айтылат. Музыка аспаптары менен коштоп ырдаган обон улутка жаңы маданий жаңылык алып келгенин айтса болот.

Кыргыз улутунун элдик ыры негизинен малчылык ырынан өнүккөн, анын анык белгиси, көрүнүп турган өзгөчөлүгү, элдик ырларында жалпылай созолонгон доош байкалат. Бул түрдөгү доош малчылардын кулагына жайнаган жайлоодо, улуу табияттагы бардык жан-жаныбарлардын муңдуу доош күүсүнөн куралган бөтөнчө обондун сиңүүсү менен жаралгандай. Кыргыз обондору кишилерди кыйырына көз жеткис жайлоого, асман тиреген опол тоо лорго, булак суусу шылдыраган жылгаларга жана мал жайылган жайыттарга оболотуп алып келет.

Кыргыздардын ырларынын уйкаштыгы өтө бекем келип, төрт сап ыр бир куплет эсептелет. Ар бир сабы алты муундуу жана жети муундуу ырлар басымдуу орунда турат.

Адатта төрт саптын ичинде биринчи, экинчи, төртүнчү саптары уйкаштырылат. Мындан башка эгиз уйкаш болуп келе берет. Анда биринчи, экинчи сабы бир уйкашып, үчүнчү, төртүнчү саптары бир уйкашта келе турганы да бар. Андан бөлөк, кайчы уйкаш түрү да бар. Мындайча айтканда, биринчи, үчүнчү сабы бир уйкаштырылат, экинчи, төртүнчү сабы бир уйкаштырылат. Кыргыздардын ырларынын уйкаш өзгөчөл үгү өзүмдүк жөндөмү бар.

Жакынкы замандагы кыргыздын элдик ырлары менен элдик музыкалары мамлекет ичи жана сыртындагы музыка ырларынын таасирлерине учураган болсо дагы, бирок ыргагында дале кыргыз улутунун элдик ырларынын өз кейпин сактап, өзгөчөлүгүндө дале жайлоо ырынын жыпар жыты аңкып турганын баамдоо кыйын эмес.

Кыргыздардын жыл сүрүү ыкымы (календары)

Кыргыз улуту түркү тил системасындагы улуттар ичинде эң алгач бир кыйла толук болгон күн, ай, мезгил, жыл жана мүчөлүү жыл сүрүү ыкмасын колдонгон улут. Ошол кезде кыргыздар бир жылды он эки айга, үч айды бир мезгил кылып бөлгөн, ошондой эле он эки жаныбардын аты менен ар жылды атаган. Бул он эки жаныбардын жыл сүрүүдөгү ирет тартиби мындай: чычкан, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, түлкү, тоок, ит, доңуз.

Он эки мүчөл боюнча жыл сүрүүнүн негизинде байыркы кыргыздар бир жылды он эки айга бөлгөн. Бул он эки ай жылдыздардын тогошуу, күндүн күйүшү, айдын күйүшү, жылдыздардын учушу сыяктуу астрономиялык кубулуштарга негиз бөлүнгөн жана он эки жылдыздын атын да атаган, алар:

1-ай козу 2-ай ууз

3-ай арандыз 4-ай күчүк

5-ай арстан 6-ай сумбула

7-ай тараза 8-ай сазан 9-ай жетинин айы 10-ай улак 11-ай көпөлөк 12-ай бирдин айы.

Бул түрдөгү эсептөө календарь бир мезгил колдонулгандан кийин кыргыздар кайра өзгөртүп, жаныбарлардын аты менен жылдыз, айдын кыймыл абалы аркылуу ай эсептөөчү болгон.

Биз календардын өөрчүп, өзгөрүүсүнөн байыркы кыргыздардын календарды дыйканчылык, мал чарбачылык өндүрү шүндө мезгил карай эмгек сарамжалын иштегендигин көрүп алууга болот.

Кыргыз улуту карт улуттук маданиятка ээ. Бул тек улуттук жазуусунун жана тилинин болуп калгандыгынан эле көрүнүп калбай, кыргыз улуту маданияттын алга басар тарыхына ээ экендигин көрсөтөт. Биз бүгүнгө чей ин кыргыздардын таш курал доорундагы маданият абалын али далилдей албасак да тарыхый китептердеги эстемелерге негиз, эң кечиккенде тогузунчу кылымда кыргыздар мыс, алтын, күмүштөрдөн өтө кооз болгон мыс чөгүн, мыс табак, билерик, сөйкө, шакек, күмүш топчу сыяктуу кол өнөр буюмдарын жана жасалга буюмдарын жасай алган. Байыркы материалдарга негизделгенде ээрди кыргыз элинин эң алгач жасап тапкандыгы анык. Кыргыздардын башка улуттар менен болгон чарбачылык, маданият алмаштыруусуна ээрчип, ээрдин жасалышы, колдонулушу кеңири таралган. Таралуу жүрү шүндө дагы да жакшыртылган. Болжол менен «Манас» доорунда эле кыргыздар кыйла алгылыктуу курал жасоо өнөрүнө ээ болгон, мисалы, «Ак келте», «Очогор» сыяктуулар.

Мамлекетибиз көп улуттуу мамлекет, биздин жунхуа улуттарыбыз байыркы маданий тарыхка жана байыркы шаңдуу маданиятка ээ. Аз сандуу улуттар маданияты жунхуа улуттарынын жөрөлгөлүү маданиятынын айрылбас бөлүгү. Кыргыз улуту түркү тил системасындагы улуттардын ичинде башы көрүнгөн улуттардын бирөө. Ошондой эле түркү тил системасындагы улуттардын ичинде узун тарыхка ээ жана байыркы маданиятка ээ улуттардын бирөө деп эсептелет. Кыргыз улутунун байыркы маданиятын изилдөө бүт эле түркү тил системасындагы улуттардын тарыхын, маданиятын жана өнүгүшүн изилдөөлөрдүн баарында өтө маанилүү маңызга ээ.

Кытайчадан которгон Ислам ЫСАК

А.БАЙТУР

                      ТЯНЬ-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ

Көптөгөн байыркы тарыхый маалыматтарда ТяньШань кыргыз урууларынын эң түпкү ата-бабалары жаңы эранын I кылымдарынан баштап, бул райондо жашагандыгы тилге алынат. Анткени жогорку бөлүмдөрдө айтылгандай, жаңы эранын 91-жылы Хан империясы аскер жиберип, Энесай кыргыздарына бийлик жүргүзүп жаткан уннуларды Алтай тоолорунун батыш тарабында талкалады. Ошону менен уннулар бул жерден конуш оодарып, азыркы Иле, Талас өзөндөрү жана Ысык-Көлдүн жээктеринде жашаган уйсундардын журтуна качты (кийинки Хан жылнаамасы. Юан-ан шежиреси). Бул материалга караганда Энесайдагы кээ бир кыргыз уруулары уннуларга ээрчип, кээ бир уруулар болсо уннуларды кубалап, ТяньШань тоолорунун айланасына келген болсо керек. Жана алар бул райондордо жашаган уйсун, теленгит сыяктуу уруулар менен узак заман аралашып, алардын кээ бир урууларын өзүнө ассимиляция кылган болсо керек. Ошондуктан уйсун жана теленгит уруулары кийинки кыргыз урууларынын ичиндеги чоң уруулар болуп эсептелгендиги мунун анык далили болот.

Жаңы эранын I кылымдарында, мындайча айтканда, кыргыз уруулар бирикмеси түзүлгөн соң айрыкча жаңы эранын V кылымдарынын аягы, VI кылымдарынын баштарында Энесай кыргыз каганаты курулган соң анын таасири түрк тайпаларынын ичинде эң чоң орунга ээ болгон. Ошондуктан бул доордо Тянь-Шань, Памир тоолорунун айланасы жана Орто Азия райондорунда жашаган бир канча түрк уруулары кыргыздарга ассимиляция болуп, кыргыз уруулары деп эсептелген, булардын ичинде коңурат, кыпчак, саксын деген уруулар бар. Коңурат уруусу – адепки убакыттарда Тянь-Шандын айланасында жашаган огуз тайпасынын бир бөлүгү болгон (Муктасар тарых кавми түркү. 1-т., 44-б.). Хансуча байыркы маалыматтарга караганда огуздар адепки убакыттарда Комулдун батыш, Кара шаардын (Кенгит) түндүк тараптары, Бугда тоосу Тянь-Шань тоосунун деген сөз. Адегенде «Бугда» деген сөздүн келген мааниси «теңир» деген сөз. Ошондуктан «Тянь-Шань» жана «Теңир-Тоо» деп да аталат) айланасында кыргыздар менен бирге жашаган (Сүй жылнаамасы. Төөлөстөр). Жаңы эранын VI–VII  кылымдарында огуздардын бир бөлүгү Тянь-Шандын батыш тараптары, Талас өзөнүнүн бойлору жана Ысык-Көлдүн жээктерине көчүп барган. Балким, бул көчүп баргандар огуздардын коңурат уруусу болсо керек. Кийинки замандарда коңурат уруусу кыргыздардын чоң урууларынын бири эсептелген, ал эми тянь-шандык кыргыз урууларынын чоң бир бөлүгүн ээлеген кыпчактар болсо байыркы хансуча тарыхый маалыматтарда Орто Азиянын чыгыш түндүгүндөгү канкылардын району менен Этил (Волга) өзөнүнүн аралыгында жашаган деп жазылган. (Муктасар тарых кавми түркү). Түркү тилиндеги маалыматтарда болсо кыпчактар Индикуш тоолорунан баштап Афганистан райондору, Түркстан чөлдүктөрү, башкырт тайпаларынын райондору (Каспий деңизинин айланасы) сыяктуу жерлерде (Сүй жылнаамасы. Төөлөстөр), мындайча айтканда, азыркы Индикуш, Памир тоолору, Орто Азиянын борбору жана чыгыш, түндүк, батыш-түндүк райондору, Тянь-Шань тоолорунун батыш бөлүгүндө жашагандыгы жазылган. Алар байыркы замандарда «негизинен, көчмөн мал чарбачылык турмушунда жашаган, ошондой эле алардын журттарында шаарлар да болгон» (Муктасар тарых кавми түркү. 1-т., 47–49-б.).

Түрк тилиндеги тарыхый маалыматтарда кыпчактардын келип чыгышы жөнүндө өтө кызык аңыздар бар.

Абулгазы Баатыр хандын Иран тарыхчысы Рашидиддин тарабынан жазылган «Жамиуттаварк» деген китепке негизденип берген маалыматтарына караганда түрк тайпаларынын эң алгачкы каганы Огуз хан кайсы бир замандарда Кытайдын аркы жагындагы деңиздин бойлорунда жашаган Итбурак хан дегендин элине чабуул жасаган. «Бул урушта Итбурак хан жеңишке жетип, Огуз хан качкан. Бул доордо уруш болгон жердин бери жагында эки чоң агын суу болгон. Огуз хан бул эки агын суунун аралыгында бир канча күн туруп, өзүнүн качкан аскерлеринин алды-аягын жыйнаган. Улуу падышалардын салты боюнча алар ыраак сапарга чыкканда өзү жана жакын бектеринин үй-бүлөсүн бирге алып жүрүүчү. Бул кезектеги согушта Огуз хандын бир беги да өзүнүн үй-бүлөсүн бирге алып чыккан урушта бул бек өлгөн, бектин аскерлери да кырылган. Анын катыны качып кутулуп, ошол эки суунун аралыгында Огуз канга жетип кошулган. Бул убакытта ал катындын боюнда бар эле, бул жерге жетип келгенде ошол катындын кокусунан толгоосу кармап калган, бул күндөрдө аба ырайы өтө суук болуп, ал катын кирерге жер таба албай, бир чириген жыгачтын ичине кирип бир уул төрөгөн. Башкалар муну ханга маалым кылган. Хан ошондо бул баланын атасы биздин алдыбызда каза тапты, баланы тарбиялап асырай турган адамы жок деп өзүнө бала кылып алган. Жана бул баланын атын Кыпчак деп койгон. Байыркы түрк тилинде ичи кууш жыгачты «кыпча» деп аташкан. Ошондуктан бул бала ичи кууш жыгачтын ичинде төрөлгөндүгү үчүн «кыпча» деп аталган. Кийин «кыпча» деген «кыпчак» болуп өзгөргөн. Огуз хан бул баланы өз колу менен тарбиялап өстүргөн. Бул бала чоң болгондо орус, мажар, башкырт деген элдердин хандарына жоо болгон. Хан Кыпчакка көп эл жана аскер кошуп, Дон жана Эдил (Этил – Волга) өзөнүнүн бойлорунда жашаган жогорку жоолорго каршы жиберген. Кыпчак бул жоолорду жеңип, ал жерде 300 жыл падышалык кылган экен, бардык кыпчак тайпасы ошол падышадан таралган экен» (Түрк шежиреси, 13-б.). Кийин алар Кара деңиздин чыгыш жана түндүк тарабы, азыркы Европанын Дунай өзөнүнүн бойлору, Бессарабия, Молдавия өңдүү жерлерди да ээлеген. Кийинчерээк орустардын эң чоң душмандарынын бири болуп калган. Орустун байыркы заман тарыхы негизинен кыпчактар менен согуш тарыхы болгон (Муктасар тарых кавми түркү. 1-т., 48-б.).

Жогорку маалыматтарга караганда илгерки Төөлөс уруулар бирикмесине таандык болгон кыпчак тайпасы байыркы заманда көптөгөн урууларды өз ичине алган кең райондорго таралган жана Орто Азиянын коомдук саясы аракеттеринде чоң роль ойногон бир тайпа болуп эсептелет. Ошондуктан Орто Азия мейкиндиги «Кыпчак талаасы» деп да аталган. Жаңы эранын XIII кылымынын алдыңкы жарымында Чыңгысхандын небереси Батый тарабынан «кыпчак талаасында» курулган хандык да «кыпчак хандыгы» деп аталган. Ал эми кыргыздар ТяньШандын тегеректерине жана Орто Азия райондоруна баргандан кийин алардын бир бөлүгү кыргыздардын ичине кирген. Кийинки замандарда болсо кыргыздар алардын көп бөлүгүн өзүнө ассимиляция кылган. Кыпчак уруусу бүгүнкү кыргыздардын эң чоң урууларынын бири, кыргыздардын уруу санжырасында болсо кыпчактар «ичкилик» урууларынын бири катарында тилге алынат.

Байыркы Хансуча тарыхый маалыматтарда Каспий деңизинин чыгыш жана батыш тараптарында саксын деген бир чоң тайпанын наамы кездешет. Бул тайпа байыркы кыпчак, хазар, булгар, беченек, мойсу, башкырт өңдүү төөлөс уруулары менен аралаш же болбосо коңшулаш жашаган (Сүн жылнаамасы. Төөлөстөр шежилеси). Саксын тайпасы көп убакыттарда Жайык (Урал) суусунун бойлорунда да жашаган. «Бул тайпа кыргыз жана «кыпчак тайпалары менен аталаш болгон экен» (Мухтасар тарых кавми түрки. 1-т., 49-б.). Саксын тайпасы байыркы заманда көбүнчө көчмөн эл чарбачылык менен тиричилик кылышкан. Каспий деңизинин кыргактарында да жашаган. Саксындар жарым дыйканчылык менен да турмуш өткөзүшкөн. Алардын шаар маданияты жана шаардык кол өнөрчүлүгү да бир кыйла өнүккөн. Жыйнап айт канда, Тянь-Шань кыргыздары бул заманда жогоркудай бир канча чоң уруулардан түзүлгөн.

Түркеш, карлуктар тушундагы кыргыздар

Түркеш тайпасы адепки убакыттарда азыркы Балхаш көлүнүн түштүк тараптары менен Иле өзөнүнүн Гюйлорунда жашаган бир түрк тайпасы, жаңы эранын VI кылымынын кийинки жарымында түркестер түрк каганаты тарабынан багындырылган. Жаңы эранын 583-жылы түрк каганаты экиге бөлүнгөндө түркештер батыш түрк каганатынын бийлигинде турган. 659-жылы Тан империясы батыш түрк каганатын талкалаган соң түркеш райондору Тан империясынын бийлигине өткөн. Тан империясы батыш түрктөр үстөмдүк кылган райондору Кунлин, Муңчир деген эки духу мекемесин тиктегенде анын ичинде түркештердин сухабаха уруулары менен алыш уруулары жашаган жерлерде Винеу (азыркы Иле өзөнүнүн бойлору) Жийешан (азыркы Жети-Суу району) түтүк менен кемелерин тургузган.

Жаңы эранын VII кылымынын аягында кийинки түрк каганаты күчөгөн заманда түркештер да күчөй баштап, өз тайпасынын башчысы Бахатар кан дегендин жетекчилигинде өзүнүн батыш жана батыш-түштүк тараптарындагы райондорго аскер жиберип, азыркы Талас суусу менен Сыр өзөнүнүн аралыгындагы бир кыйла жерлерди басып алган жана Талас суусунун боюндагы Суяб шаарын өзүнө борбор кылган. Ошондой эле Иле өзөнүнүн баш агымындагы Күнөс шаарын (кээ бир материалдарда Иле шаары деп баяндалат) экинчи кылып бекиткен. Жаңы эранын 699-жылы Бахатар хан өзүнүн уулун Чаң-Ан шаарына жиберип, Таң империясынын аял падышасы Тан Уучуга тартуу берген. 706-жылы Тан империясынын падышасы Тан Жунзуң Бахатар канга «Жол жосундуу жүнпаң» деген атак берген. Ошол жылы Бахатар кан өлүп, анын ордуна уулу Сухабаха чыкканда Таң Жуңзуң жана Сухабаха алтын өзөн Иле (өзөнү демекчи) Жүңваңы деген атак берген, ошондой эле Сухабахага төрт ордо кызды тартуу кылган. Бул заманда түркештер өзүн Тан империясынын карамагында деп эсептешкен. Ошондуктан алар ар убакыт жылкы жана башка жергиликтүү түшүмдөрдөн жиберип, Тан империясына тартуу кылып турушкан. Жаңы эранын 711-жылы Сухабаха өзүнүн аскер башы Гүлчоро менен касташып, бир-бирине каршы уруш баштаган. Гүлчоро болсо Тан империясынын чоң мансапдары (эл агасы) Зуңчукени сатып алып, Сухабахага чабуул жасамакчы болгон. Как ошол жылы Сухабаха Тан империясынын Бешбалык жана Аншы (Кучар), Баркубан (Аксуу) өңдүү райондорун басып алып, Зуңчукенин башын кескен. Бирок бул согушта Тан империясы Зуңчуке менен Гүлчорону айыптап, Сухабаханы кечирим кылган. 712-жылы Сухабаха Тан империясына адам жиберип, падышага сыйлык берүү менен бирге, Зуңчукени өлтүрүү себептерин маалым кылып, өз аскерлерин жогорку орундардан алып чыгып кеткен. Тан империясы Сухабахага «Эл болгон каган» деген атак берген. Узак өтпөй, Сухабаханы түрк каганаты өлтүргөн.

Жаңы эранын 715-жылы Сулу каган деген адам түркештерге башчылык кылып, өз тегерегиндеги райондор жана Тан империясынын Тянь-Шандын түндүк жана түштүк тарабында турган аскери коргондоруна чабуул жасап турган. 716-жылы Сулу каган Тан империясынын бийлигинен бүт бойдон ажырап чыгып, түркеш каганатын тиктеген. Бирок бул каганат узунга барбай жаңы эранын 738-жылы Сулу каган өз адамдары тарабынан өлтүрүлгөн. Анын уулу Токсон каган да аз өтпөй Тан аскерлери тарабынан туткун кылынган. 748-жылдары түркеш каганаты оодарылып, түркеш уруулары бытыраңкылык жагдайга түшүп калган. Мындан узак өтпөй илгерки түркеш каганатынын жерлерин карлук тайпаларын ээлеген.

Карлуктар тегинде түрк тайпаларынын бири болуп, алар алгачкы убакыттарда азыркы Балкаш көлүнүн чыгыш-түштүк тарабында жашаган. Көк түрк каганаты курулган VI кылымда алар Алтай тоолорунун тараптарын ээлеген, кийин Ертыш суусу менен Тарбагатай тоолорунун аралыгына көчкөн. «Тогуз огуз» деген бир уруу бирикмесин түзгөн. Жаңы эранын 842-жылы уйгур басмыл өңдүү тайпалар менен биригип, кийинки түрк каганатын жоготуп, басмыл каганатын тиктеген. 745-жылы алар жана уйгурлар менен биригип, басмыл каганатын жок кылып, уйгур каганатын тиктеген. 757–759-жылдары аралыгында карлуктар уйгурлар менен бийлик талашып, илгерки түркештердин жерлерин ээлеп, Суяб жана Талас шаарларын басып алып, өз таасирин буткүл Талас, Сыр өзөндөрүнүн бойлору, Ысык-Көлдүн жээктерине чейин кеңейткен. Жаңы эранын 766-жылы карлуктар уйгур каганатынын бийлигинен бүт бойдон ажырап чыгып, Орто Азияда бир жарым кылымдан артык өкүм сүргөн карлук каганатын тиктеген.

Карлуктар өз борборун Ысык-Көлдүн жээгиндеги Баласагун шаарына орнолуштурган. Талас шаары алардын экинчи ордосу болгон. Карлуктар уйгур каганатынын бийлигинде турган замандарда өз башчысын «Ябгу» деп атаган. Ал эми карлук каганаты курулган соң алардын башчысы «Арслан хан» же болбосо «Кара хан» деп аталган.

Жалпы айтканда, жаңы эранын 659-жылы Тан империясы батыш түрк каганатын жоготкон соң, ТяньШандын түндүк жана түштүк тараптары, Орто Азияда курган Кулин, Муңчир духу мекемеси жана Ниши духу мекемесинин карамагында жашаган. Жаңы эранын VII кылымынын башында Тан империясы бул жерлердеги үстөмдүк аппараттарын иреттеп, Бешбалык хан Анший духу мекемесинин бийлигине борборлоштурганда ТяньШань кыргыз уруулары, негизинен, Тянь-Шандын түндүк жана батыш тарабына бийлик сүргөн Бешбалык духу мекемесинин кол астында болгон. Кийин түркештер менен карлуктар күчөгөн доордо Тянь-Шань кыргыз уруулары жана алардын бийлиги астына кирген.

Бул доордо кыргыз уруулары жана алар жашаган райондордун коому тез темп менен өнүккөн. Анткени кыргыздар жашаган райондор, айрыкча Баласагун, Талас шаарлары байыркы замандан бери келаткан чыгыш менен батыш ортосундагы соода жолунун бир-бирине туташкан жерине орнолушкан. Ошондуктан байыркы, чыгыштын маданияттуу элдеринен болгон хансу маданияты менен батыштын маданияттуу элдери болгон Византия (Чыгыш Рим) жана ерандыктардын өнүккөн маданияты, кийинчерээк арабдардын маданияты, алардын өндүрүштүк куралдары, кол өнөр буюмдары жана анын өндүрүштүк техникасы сыяктуулар үзгүлтүксүз бул райондорго агып кирип турган. Ошондуктан бул райондо жашаган кыргыз уруулары жана башка тайпалардын маданияты күндөн-күнгө жогору баскычка карай жүргөн. Айрыкча бул доордо Баласагун, Талас, Испжап (Сайрам), Койлук, Ош шаарлары Орто Азия районунун маданият жана соо да борборлору болуп калган.

Бул доордо Тянь-Шань кыргыз урууларынын көпчүлүгү жана илгеркидей көчмөн мал чарбачылык менен тиричилик кылган. Булардын ичинде кыпчак уруусу бир мезгил эң күчөгөн. Кээ бир тарыхый маалыматтарда алардын кээ бир уруулары бул доордо Ысык-Көлдүн түндүк тарабында, Талас өзөнүнүн бойлору жана Балкаш көлүнүн түштүк, батыш-түштүк тараптарына таралган. Кээ бир жазма маалыматтарда бул заманда: «Кыпчактар малга – төөгө, өгүзгө, койго, уйга, жылкыга өтө бай болгон. Биздин оюбузча, дүйнөнүн башка жерлеринде кыпчактардай малы көп тайпа болбогон» (Казак ССР тарыхы. 1960-жыл, 36-б.) – деп жазылган. Бирок кээ бир кыргыз уруулары бул доордо илгерки адаттары боюнча жарым дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен турмуш өткөргөн. Бул доордо жана Тянь-Шань кыргыз уруулары илгеркиден бир кыйла көбөйгөн. Алардын жашаган райондору да илгеркиден көп кеңейген. Айрыкча жаңы эранын 840-жылы Энесай кыргыз каганаты уйгур каганатын кулаткан соң, алар уйгур үстөм таптарын кубалап ТяньШандын түштүк тараптарындагы Турпан, Карашаар, Кучар сыяктуу жерлерге чейин жетип келген (Хуйчаң жылдарындагы чыгармалар жыйнагы, 8-т.). Бул заманда Тан империясынын Тянь-Шандын түндүк жана түштүк тарабындагы жерлерди каганаты кулаган соң батышка качкан уйгурлар ээлеген. Жана Тан империясынын батыш райондорундагы бир далай жерлерин болсо бул райондорго коңшу болгон тибеттиктер (заңзулар) ээлеп, Тан империясынын бүтүндүгүн бузууга урунган, ушундай бир жагдайда Тан империясы Тянь-Шандын түндүк жана түштүк тарабына аскер жиберип бул жерлерди тартып алмакчы болгон (Зиң ву-вин: «Жуңгонун Коригар районун башкаруу тарыхы». 152-бетке каралсын). Бирок баш вазир Лий Дейу: «Эгер колдон кеткен бул жерлерди кайтарып алып, ал жерлерде дугу мекемелерин кайта тиктемекчи болсок, бул районго империядан бир түмөн (он миң) аскер жиберүүгө туура келет. Ал эми биз бул аскерлерди кайдан чыгарабыз, алардын азык-түлүгүн кайдан жөндөйбүз?» («Тандалган Ча-Лый саясаттар өрнөгү». Таң Вузуң Хуй Чаң. 2-жылы) – деп, падышага бул жерлерди кыргыздардын күчү менен тартып алуу талабын коёт. Падыша Таң Вузуң анын талабын макул көрүп, Энесай кыргыздарына көп жардам, сыйлык жана анын кагандарына ар түрдүү атактарды берет. Энесай кыргыздарынын Тянь-Шанга кеңейишин колдойт. Ошондуктан көптөгөн кыргыз аскерлери өз үй-бүлөсүн бул жерлерге алып барып туруп калат. Айрыкча Кучардын чыгыш тараптары кыска бир мезгил Энесай кыргыздарынын колунда болот. Бирок узак өтпөй бул жерлерди Турпан районуна көчүп келген уйгур тайпаларынын башчысы Бука Текин тартып алып, 866-жылы Турпан жана Бешбалык шаарын негиз кылып уйгур идикут каганатын тиктейт. Бул жерге келген кыргыздар болсо өз жерине кайталбай туруп калат. Азыркы Ловнор районундагы уйгурлашкан кыргыз уруулары, балким, ушул заманда келип туруп калган Энесай кыргыздары болсо керек. Ал эми Тянь-Шань тоолорунун тегерегине көчүп келген кыргыз уруулары болсо ортодогу уйгур идикут каганатынын тоскоолдугу себеби менен өз журтундагы Энесай кыргыз уруулары менен эмес, ал эми Тянь-Шань кыргыз уруулары менен байланыш жасап турган. Бирок түркеш жана карлуктардын тушунда кыргыз элинин көп салмагын жана эле Энесай кыргыздары ээлеген.

Караханилер тушундагы кыргыздар

Жаңы эранын IX кылымынын кийинки жарымында Орто Азия жана Тянь-Шандын батыш тарабындагы көп жерлерди ээлеген Карлук каганаты жылдан-жылга алсырай баштайт. Орто Азиядагы Аму дарыясы менен Сыр дарыясынын аралыгында Бухара шаарын борбор кылган саманилер тайпасы күчөп, жаңы эранын 875-жылы исламсаманилар хандыгын тиктейт. Саманилер карлук райондоруна күндөн күнгө катуу чабуул жасап турат. Ошондуктан бир бөлүк карлук уруулары саманиларга багынып, ислам динин кабылдайт. Бул диндин таасири Тянь-Шань тоолоруна чейин кеңейет.

Ислам дини жаңы эранын VII кылымынын ортосунда араб жарым аралында майданга келген. Ислам дининин пайгамбары Мухаммет (жаңы эранын 570–632-ж.ж.) жана анын сахаба, ансарлары доорунда ислам дининин таасири араб жарым аралынын бир бөлүк райондоруна гана таркалган болучу. Мухамметтен кийинки Абубакир

(632–634-ж.ж.), Умар (634–644-ж.ж.), Осмон (644–655-

ж.ж.), Мухаметтин күйөө баласы Аалы (655–660-ж.ж.) сыяктуу чарыялар (Мухамметтин төрт досу) халпалык кылган доордо ислам дининин таасири араб жарым аралынын тышына жайылды. Айрыкча Умайа халпалык доорунда (661–750-ж.ж.) арабдар азыркы Эран, Афганистан, Түндүк Африка, Европанын батыш-түштүк району жана Тан империясынын башкаруусундагы Орто Азия, Памир тоолорунун батыш, батыш-түндүк тараптарына басып кирип, ислам динин таркатты.

Арабдардын Тан империясы башкарган Орто Азия райондоруна кылган чабуулу жаңы эранын 676-жылы башталды. Айрыкча 705-жылы Умайа халпасы Валид бинна Абдумаликтин ордо укугун ээлеп алган Хажжаж деген адам Хурасан (азыркы Афганистан жана Эранын чыгыш-түндүк тараптары) Валиси Кутайа бини Муслим эл Баили деген адамды жиберип, Орто Азиядагы, Аму, Сыр өзөнүнүн аралыгындагы райондорго (бул заманда ал райондор «Маварауннахри» деп аталган) кең көлөмдүү чабуул жасады, 714-жылга чейин болгон аралыкта арабдар бул райондорду бүт бойдон ээлеп, ислам динин таркатты. Жаңы эранын 750-жылы араб Умайа халифалыгы кулатылып, алардын эң акыркы халифасы Мерван экинчи деген адамдын ордун Абул-Айбас деген адам ээледи. Ошондон баштап, беш жүз жылдан ашык өкүм сүргөн Айбасилер халифалыгынын доору башталды. 750жылы Хорасан валиси Аба Мусилим аскер жиберип, Сыр өзөнүнүн чыгыш-түндүк жана түндүк тараптары Талас, Ысык-Көлдүн жээгиндеги карлук райондоруна чабуул жасады. Тан империясы Гавшанжы деген адамды 30 миң аскерге башчы кылып Таласка жиберди. Бирок бул жерде жашаган карлуктар араб аскерлерине жардамдашкандыгы үчүн Тан империясынын аскерлери жеңилди. Орто Азия райондору Тан империясынын колунан бүт бойдон кетти. Анын жерлерин карлуктар ээледи. 766-жылы жогоруда айтылгандай Карлук каганаты тиктелди.

Жаңы эранын IX кылымдарына келгенде Орто Азия Тянь-Шандын батыш тарабында ислам дининин таасири өтө күчөдү. IX кылымдын кийинки жарымында Карлук каганаты алсыздап, азыркы Аксуунун батыш-түндүк тараптары, Кашкардын түндүк тараптары жана Ысык-Көлдүн түштүк тараптарында жашаган ягма деген бир тайпа күчөдү. Жаңы эранын 840-жылы Энесай кыргыз каганаты тарабынан кубаланган уйгурлар да бул районго келип орнолушуп, Карлук каганатына катуу коркунуч салды. 870-жылдардан кийин уйгурлар менен Ягма тайпасынын башчылары биригип, Карлук каганатынын ордодогу негизги укуктарын ээлеп, карлук кагандарын аты бар, заты жок куру мансапдарларга айландырып койду. Айрыкча Карлук каганатынын борборлору болгон Баласагун шаары менен Талас шаарынын негизги укуктары уйгур, ягма тайпасынын башчысы Бархан (Базир Арслан хан) менен анын иниси Огулчак Кадыр хан дегендин колуна өттү. 890жылы саманилар хандыгы Талас шаарын тартып алды. Огулчах Кадыр хан Таластан Кашкарга көчтү. 914-жылы Бархан Баласагунда каза тапкан соң, анын уулу Сатук Текин Кашкарга келип, Огулчак Кадыр хандын тарбиясына кирди. Бирок Огулчак Кадыр хан Сатук Текинди чектегендиктен, 932-жылы саманилар хандыгынан качып келген ханзада Абунасир Самани дегендин жардамы менен ислам динин кабылдап, ордо өзгөрүшүн жасап, Огулчак Кадыр ханды жана анын бардык үй-бүлөсүн өлтүрүп, Карахандар хандыгын курап жана өзүн «Сатук Бугра Карахан» деп атайт. Ислам тарыхый маалыматтарында болсо ал жана «Султан Сатук Бугра Карахан Абдул-керим» деп аталат.

942-жылы Султан Сатук Бугра Карахан аскер баштап, Карлук каганатынын борбору Баласагун шаарын басып алат. Ошону менен жаңы эранын 766-жылы курулган Карлук каганаты бүт бойдон жоголот. Анын жерлерин Султан Сатук Бугра Карахан курган караханилер хандыгы ээлейт. Сатук Бугра Карахан доорунда Памирдин чыгыш тараптары, Тянь-Шандын түштүк жана түндүк тараптарындагы «миңдеген, түмөндөгөн буддиттер жана христиандар ислам динин кабылдайт» (Вамири Бухара тарыхы, 82-б.). Жаңы эранын 955-жылы Султан Сатук Бугра хан каза тапты. Анын бейити азыркы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу областынын Артыш ооданындагы Мешет деген жерге коюлган. Анын ордуна чоң уулу Муса Бугра хан чыкты. Муса Бугра хан доору караханилар хандыгынын эң күчөй баштаган бир мезгили болуп эсептелет. Тарыхый маалыматтарга караганда 960-жылы 200 миң түтүн түрк тайпалары ислам динин кабылдаган (Шинжаң тарыхы жөнүндөгү макалалар жыйнагы, 257-б.).

Караханилар доору болсо Тянь-Шандын түндүк жана түштүк тарабында жашаган уйгур тайпалары (уйгур идикут каганаты мунун сыртында) жана бул жерлерде жашаган башка түрк тайпаларынын тунгуч ирет ислам динин кабылдаган бир доору болуп эсептелет. Жаңы эранын 999-жылы караханилардын ханы Ахмет бинни Аалы Тууган хан Бухара шаарын басып алып, 875-жылы курулган саманилар хандыгын жоготту. 1007-жылы караханилардын ханы Жусуп Кадыр хан Хотенди басып алып, бул жерге ислам динин таркатты. Мына ушундан баштап караханиларга караштуу жерлер батышта Каспий деңизи, чыгышта Кенгиттин (Кара шаар) батыш тарабындагы (кээ бир материалдарда Кучар шаарынын батыш тараптары деп баяндалат) Тарым ойдуңу, (Молла Ажы. Казкирай Бугра хан. Кол жазма) түндүктө Балкаш көлүнүн түштүк тараптары, түштүктө Тарым ойдуңунун түштүгүндөгү Каракорум тоолоруна жакын болгон кең райондорду өз ичине алган (Анвар Байтур. Шинжаңдагы ар улут калкынын Ата Мекен бирлигине кошкон салымдары. 1980-ж. хансуча, 93-б.). Караханилардын борбору, негизинен, Кашкар менен Баласагун шаары болгон. Бул хандык эң байыркы жаңы эранын XII кылымынын алдыңкы жарымына чейин өкүм сүргөн.

Караханилар хандыгы негизинен уйгур, ягма тайпалары тарабынан курулган бир хандык болсо да, бирок ал уйгурлардан башка жана бир канча он чоң түрк тайпаларын өз ичине алып, ошол түрк тайпаларынын салттык түзүмдөрү, коомдук эрекчеликтери жана башка тараптарынан үлгү алып, ошол түрк тайпаларына карата орток маңызга ээ болгон бир хандык да болуп эсептелет. Демек, бул түрк тайпаларынын ичинде Тянь-Шань, Памир тоолорунун этектери, Талас суусунун бойлору жана Ысык-Көлдүн жээктеринде жашаган кыргыз уруулары да бар.

Караханилар доорунда майданга келген атактуу маданият мурасы болгон «Диван лугат-ат-түрк» деген чыгармада кыргыздар бир канча жерде тилге алынат. Бул чыгармадагы маалыматтарга караганда караханилар тайпасы илгеркидей эле экиге бөлүнгөн. Алардын бир бөлүгү татарлар менен (Диван лугат-ат-түрк. 1-т., 3-б.), башкача айтканда, илгеркидей эле Энесай өзөнүнүн бойлорунда жашаган болсо жана бир бөлүгү Ягма тайпасынын жанында жашагандыгы көрсөтүлгөн (Диван лугат-ат-түрк. 1-т., 28-б.). Ал эми Ягмалар болсо, жогоруда айтылгандай, Аксуу нун батыш, батыш-түндүк тараптары, Кашкардын түндүк тараптары, Ысык-Көлдүн түштүк тараптары сыяктуу жерлерде жашаган. Кийинчерээк ягмалар Кашкардын батыш тараптары, Памир тоолорунун чыгыш тараптарына ке ңейген.

«Диван лугат-ат-түрктө» кыргыздардын чоң урууларынан болгон кыпчактар жөнүндөгү маалыматтар өтө көп. Бул маалыматтарга караганда, Кашкарга жакын түндүк тарапта Талас шаарынын бойлорундагы райондорго да жана алардын көчмөн мал чарбачылык кылгандыгы, ошондой эле бак-мөмөлөрдү өстүргөндүгү, уран деген бир түрдүү эки канаттуу кайык жасап чыгаргандыгы, алардын журтунда булан деген бир айбандын болгондугу жазылган. Булан деген айбандын асманга тик караган бир ичи көңдөй мүйүзү болгон, кар жана жаан жааганда анын мүйүзүнүн ичине суу толуп калуучу. Эркек булан суусаганда ургаачы буландын, ал ургаачы булан болсо эркек буландын мүйүзүнө толуп калган сууну ичүүчү экен (Диван лугат ат-түрк. 1-т., 395–396-б.б.). Бул доордо Тянь-Шань кыргыздарынын сан-салмагы илгеркиден бир кыйла көбөйгөн. Ошондуктан «Диван лугат ат-түрктө» кыргыздар караханилар хандыгына багынган чоң тайпалардын бири катарында тилге алынган. Алардын үстөм тайпа болгон уйгур, ягмалар менен болгон байланышы өтө тыгыз болгон.

Жаңы эранын 992-жылы караханилардын ханы Арун хан караханилар мамлекетинин ичинде «ихтар» (укукту бөлүп берүү) деген бир түзүмдү жолго коёт. 998-жылы Арун Бугра хан өлөрдүн алдында өзүнүн чоң уулу Жүсүп Кадыр ханга «Тамгач Бугра хан» деген бир атак берип, анын колуна Кашкарды башкаруу укугун тапшырды. Муса Бугра хандын экинчи уулу Аалы Текинге «Илик хан» деген атак берип, Сыр, Аму өзөндөрүнүн аралыгындагы Маварауннахри районунун башкаруучусу кылып белгиледи. Ошондон баштап бул эки мансаптардын ортосунда чыр-чатактар көбөйдү. Жаңы эранын 1042-жылына келгенде булардын уулдары ортосунда күндөн-күнгө күчөгөн согуштар себеби менен караханилардын мамлекети экиге бөлүндү. Бул эки мамлекеттин чек арасы азыркы Фергана шаарынын батыш тарабындагы Үзгент шаары болгон. Анын Кашкар жана Баласагун шаарын борбор кылган чыгыш тарабы жана илгеркидей эле «Караханилар мамлекети» деп аталган. Батыш тарабы Самаркан шаарын борбор кылып, «Илик ханлор мамлекети» деп аталган. Бул заманда Тянь-Шань, Памир тоолорунун этектери, ЫсыкКөлдүн жээктери жана Талас суусунун бойлорундагы кыргыз уруулары караханилар мамлекетинин бийлиги астында жашаган. Бирок алар бул доордо караханилар менен илик хандардын ортосундагы согуштарда төтөлөй зыянга кездешип, бир бөлүм кыргыздар эки мамлекет ортосундагы согуш майдандарынан алыс, бийик тоо-таштарга көчүүгө мажбур болгон. Кыргыз коому бул доордо бир кыйла узбунчулукка учураган. Айрыкча Талас өзөнүнүн бойлору жана Ысык-Көлдүн жээктериндеги кыргыз уруулары чыгыш-түндүк тараптагы Жети-Суу районунун бойлору жана Тянь-Шандын бийик жайлоолоруна көчүүгө тийиш болгон. Памир тоолорунун жээктериндеги кыргыз уруулары Конлун тоосунун этектерине көчүүгө мажбур болушкан.

Кара кытайлар тушундагы кыргыздар

Кара кытайлар болсо тунгус-манжу тили системасындагы байыркы кытай тайпасынын урпактары болуп эсептелет. Ал эми кытайлар болсо жаңы эранын IV кылымынын ортосунда Ата Мекенибиздин чыгыш-түндүк райондорунда жашаган байыркы сиянпи (Сибирь) тайпасынан таралган. Бул заманда кытайлар азыркы чыгыш-түнд үктөгү Шира, Муран, Лавха өзөндөрүнүн бойлорунда көчмөн мал чарбачылык менен турмуш өткөргөн. Жаңы эранын 386-жылы байыркы кыргыздарда бийликке катышкан тува (түндүк вий) падышалыгы курулганда кытайлар «ак ат», «сары өгүз» деген наам менен аталган эки гана уруудан түзүлгөн болот. Бул уруулар тува падышалыгына багынган.

Жаңы эранын VI кылымынын ортосунда көк түрк каганаты курулганда кытайлар сан-салмак жагынан көбөйүп, 40 миң аскерге жана бир канча он миң үй-бүлөгө ээ болгон. Ошондой эле көк түрк каганатына багынып турган. Ал эми байыркы Орхон-Энесай таш эстеликтеринде булар «кытай», «кытаң» деген наам менен аталган жана алар сегиз чоң урууларды өз ичине алган жаңы эранын 628жылы кытайлар чыгыш түрк каганатына каршы көтөрүлүш жасап, Тан империясына багынган. Тан империясы кытайлар районунда аймак жана башка бийлик аппараттарын тиктеген. Бирок жаңы эранын VIII кылымынын алгачкы жылдарында алар Тан империясынан бөлүнүп чыгып, өз бийлигин орноткон жана өз башчыларын «эркин», «инанчин», «каган» деп атаган.

«Жаңы эранын 901-жылы Элли Абожи деген адам кытайлардын ынтанчыны болуп шайланат. Экинчи жылы Элли Абожи 400 миң аскер баштап, Садди Чини сепилинен өтүп, азыркы Хебий, Санший өлкөлөрүнө чабуул жасап, 95 миң хансу букарасын жана алардын сансыз чарба малын булап кетет. 916-жылы Элли Абожи өзүн «каган» деп жарыялайт, «кытай хандыгы» деген мамлекетти курат. Кытай мамлекетинин борбору Батыш коргон (азыркы ички моңгул Жавуда аймагынын Оң Барын ооданы) деген шаар болгон. Кытайларга караштуу жерлер болсо чыгышта азыркы Чавшийан (Корея), батышта Тянь-Шандын түштүк тараптары, түндүктө Моңгул жайлоолору, түштүктө азыркы Хебей, Санший өлкөлөрүнүн түндүк тараптарына жеткен. Кээ бир замандарда кытайлар Хуанхи өзөнүнүн түндүк тараптарындагы Хансу райондорун да басып алган.

Кытай хандыгы бир канча он тайпа жана элдерге үстөмдүк кылган. Алардын бийлигинде кытай урууларынан башка жана хансу, моңгул, уйгур, жургит, кыргыз өңдүү элдер болгон. Кытай хандыгы хансуларга хансулардын салты боюнча, кытай жана башка элдерге кытай элдердин ошол өз салты боюнча үстөмдүк кылган. Кытайлардын саясы түзүмдөрү негизинен хансулардын түзүмдөрүн өрнөк кылган, ошондуктан алар жаңы эранын 947-жылы «Кытай хандыгы» деген мамлекет наамын «Лийав хандыгы» деп өзгөртүү менен бирге хансуча жылнаама колдонгон.

Жаңы эранын 931-жылы Энесай кыргыз каганаты элчи жиберип, кытай хандыгынын башкаруусунда болгон. Кытайлар Энесай кыргыз районун «кыргыз падышачылыгы» деп атап, бакылоочу мансаптарларын жиберген. Энесай кыргыздары болсо кытай хандыгына салык төлөө жана уруш болгондо аскер жиберип жардамдашуу милдетин гана аткарган. Башка иштерин болсо илгеркидей өз салттык түзүмдөрү боюнча башкарган. Бул доордо кытайлардын коомдук өндүрүшү, маданияты өтө өнүккөн. Ошондуктан кыргыздар менен кытайлардын ортосунда коомдук өндүрүш жана коомдук маданият байланыштары өтө тыгыз болгон. Кыргыздар жылкы баштаган төрт түлүк мал жана чарбачылык түшүмдөрүн, алтын, кү мүштөн иштелген буюмдарын кытай хандыгынын ички райондоруна алып келип, бул жердеги элдин, айрыкча хансулардын жерлик өндүрүштүк жана турмуштук буюмдарына алмаштырып алып кетип турган. Бирок жаңы эранын XI кылымынын алгачкы жылдарынан баштап кытай хандыгы алсыздай баштаган. Анткени жаңы эранын 1017–1018-жылдары кытай хандыгы 100 миң аскер жиберип караханиларга чабуул жасаганда караханилар хандыгы тарабынан катуу соккуга учурайт, алардын 10 миң аскери ислам динине кирип, азыркы Эмил суусунун боюнда туруп калат. Бул кытай хандыгынын тарыхында аларга берилген эң оор сокку болуп эсептелет. Ошондон баштап кытай хандыгына таандык болгон кытай уруулары жана бул хандыкка багынган башка тайпалар үзгүлтүксүз көтөрүлүштөрдү чыгарат. Бул көтөрүлүштөрдө анын карамагындагы хансулардын күрөштөрү өтө маңызга ээ болгон. Анткени Кытай хандыгында сан жагынан көп салмакты ээлеген. Коомдук жактан кытайлар жана башка багынды тайпаларга өтө зор таасир берип турган. Хансулардын көтөрүлүштөрү башка тайпалардын кытай үстөм таптарынын бийлигинен кутулуусуна пайдалуу шарт тарды жараткан. Кытай хандыгынын бийлигине каршы мындай көтөрүлүштөрдө бул заманда кытай хандыгынын бийлиги астында жашаган журжит тайпасынын төңкө рүштөрү да өтө зор роль ойногон. Журжиттер тегинде азыркы Ата Мекенибиздин чыгыш-түндүк райондорунун Хийлуңжаң, Жилин, Лийаниң өлкөлөрүндө жашаган жана тил, салт-санаа жагынан кытайларга окшош болгон бир тайпа болучу. Кытайлар күчөгөндөн кийин журжиттерди өзүнө караткан. Жаңы эранын XI–XII кылымдарында журжиттер өтө күчөп, кытай хандыгына үзгүлтүксүз сокку бере баштаган. Жаңы эранын 1113-жылы журжиттердин башчысы Агуда деген адам аштык-жем топтоп, аскер даярдап, 1114-жылы кытай хандыгына каршы чоң көтө рүлүш козгогон. 1115-жылы Агуда өзүн хан деп жарыялап, «Алтан хандыгы» (Жин) деген бир мамлекет курган. Алтан хандыгынын борбору Хуйниң шаары (азыркы Хийлуңжаң өлкөсүндөгү Ачин ооданынын жанында) болгон. 1124–1125-жылдары Агуда аскер баштап кытай хандыгынын көп райондорун басып алып, кытайлардын эң акыркы падышасы Элли Йаншы (Тйензу) ханды туткун кылган. Ошону менен жаңы эранын 916-жылы курулган кытай хандыгы бүт бойдон жоголгон.

Жаңы эранын 1124-жылы кытай хандыгынын ханзадасы Элли Тайши бир бөлүк аскер жана букарасын баштап Энесай кыргыздарынын ичине качкан. Бирок Энесай кыргыздары Элли Тайшини өз журтунан кубалап чыгарат. Элли Тайши андан Эмил өзөнүнүн боюндагы мусулман кытай урууларынын жерине келип курултай чакырып, бул жерде кытай хандыгын кайта тирилдирет. 1128-жылы Идикут уйгур каганатынын каганы Билиги Идикут караханилар хандыгына болгон өчмөндүгү менен Элли Тайшиге 600 жылкы, 1000 төө, 3 миң кой жардам берип, анын бийлигин кабылдайт. Ошол жылы Элли Тайши өз аскерин баштап, Баласагун шаарын борбору кылган караханиларга жана илик ханилардын бийлигиндеги Самаркан, Бухара бийлөөчүлөрүнө чабуул жасайт. Ошону менен караханилардын бир бөлүгү, илик ханилардын бардык жерлери анын кол астына өтөт. 1130-жылы азыркы Эрандын чыгыш тараптарын колго киргизген. 1133-жылы Элли Тайши батыштагы уруш майданынан кайтып, Баласагун шаарын борбор кылып, өзүн «Горхан» (падышалардын падышасы) деп жарыялап, чоң бир хандык курган. Бул хандык тарыхта «Кара кытайлар хандыгы» (хансуча Батыш Лийав хандыгы) деп аталган. Кара кытай хандыгы эң күчөгөн заманда анын мамлекет чек арасы чыгышта Идикут уйгур хандыгы, батышта Каспий деңизи менен Эрандын чыгыш райондору, түндүктө Балкаш көлүнүн түштүк тараптары, түштүктө Тянь-Шань тоо лоруна жеткен.

Кара кытай хандыгынын үстөм таптары хапсулардын таасирине көп учурагандыгы үчүн мамлекеттин ичинде хансу падышалыктарынын түзүмдөрүнө окшош саясы түзүмдөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле өзүнө багынган тайпалардын салттык түзүмдөрүнүн улаңдуу сакталышына да жол коюп, андан өрнөк да алган. Мисалы, батыштагы Самаркан жана Хоразим райондорундагы элдердин салттык бийлик түзүмү болгон. «Илик Турхан» караханилар жана карлук райондорунун «Арслан хан», Турпан уйгурларынын «идикут» деген салттык башкаруу түзүмдөрүнө кол тийгизбеген. Ошондой эле хансулардын экономикалык түзүмдөрү, календары жана маданиятын кең таркаткан. Андан башка жана хансу кол өнөрмөндөрүн көчүрүп алып шаар курулушу, өндүрүштүк куралдар, турмуш буюмдарын жасаткан. Совет археологдорунун текшеришине караганда азыркы Кыргызстандын Лебединовка, Александровка жана Серетинка деген жерлеринен ошол кара кытайлар доорунда хансу кол өнөрчүлөр бышык кыштан салган там үйлөрдүн урандылары жана сапал бую мдар көп табылган (Кыргызстандын тарыхы. 1-т., 163–164-б.б.).

Жалпы айтканда, кара кытайлар өз мамлекетин негизинен хансулардын түзүмү боюнча башкарган. Кийинки замандарда орустар жана башка элдердин, ошондой эле түрк тилинде сүйлөшө турган элдердин бул тил жана урук-тукум жагынан өздөрүнөн башкача болгон хансуларды, ошондой эле хансуларды негиз кылган Жуңго падышалыктарын да «кытай» деп атагандыгы как ошол хансулардын түзүмдөрү, салт-санаасынын терең таасирин кабылдаган «кытай» жана «кара кытай» деген наам менен байланыштуу болсо керек.

Кара кытай хандыгы курулуп, көп өтпөй алар Энесай кыргыздарына жана бир ирет чабуул жасаган. Бул чабуулдан кийин Энесай кыргыз каганаты бир кыйла алсыздаган. Кээ бир тарыхый маалыматтарга караганда Энесай кыргыз каганаты бул доордо куру бир атак наамына айланып калгандыгы, анын карамагындагы уруулар бир канча бөлүктөргө бөлүнгөндүгү, анын ичиндеги кыргыз тайпаларынын тарап-тарапка бытырап кеткендиги белгилүү. Бирок алар кара кытайларга каршы бир кылымдай убакыт согуш кылып, аларга баштан-аяк моюн сунган эмес, мындай жагдайга жаңы эранын XII кылымынын алгачкы жылдарында, Чыңгысхан баштаган моңгул чабуулдары дооруна чейин сакталып келген.

Ал эми кара кытайлар доорунда анын төтөлөй бийлигинде болгон Тянь-Шань, Памир, Талас, Ысык-Көл кыргыздары болсо, өзүнүн илгерки конуштарынан башка конуштарга көчүп кара кытайлардын бийлик борборунан алыс жерлерде жашаган Кыргыз уруулары күндөн-күнгө күчөгөн. Мисалы, жаңы эранын 981–984-жылдары Идикут уйгур каганатына саякатка келген Суң империясынын элчиси Ваң Йанди деген адам Идикут уйгур каганатынын бийлигинде бир бөлүк кыргыздардын да болгондугун жазган (Суң тарыхы. Кочо шежиреси). Бул кыргыздар жаңы эранын 840-жылы уйгур каганатын кулатып, аларды кубалап, Турпан, Кара шаар, Кучар, Ловнор райондорунда отурукташып калган» кыргыздар менен кийинче кара кытайлар доорунда келип орношкон көчкүн кыргыздар болсо керек. Парсча жазылган «Равза Туссафа» деген китептеги маалыматтарга караганда кара кытай хандыгы курулуп, бир мезгилден кийин «Бешбалык кыргыздары» кара кытайларга моюн сунуудан баш тарткан. Кара кытайлар аларды чаап алып өзүнө баш ийдирген (Мир. Хунд. Равза Тассафа. 5-т. 22-б). Бул материалда көрсөтүлгөн «Бешбалык кыргыздары» деген как ошол Ловнор, Кара шаарды негиз кылган мурдагы жана жаңы көчкүн кыргыз уруулары болсо керек. Парсча жазылган «Удутул аалам» («Дүйнөнүн чек арасы») деген китепте болсо азыркы Үчтурпан ооданынын ичинде «Миң жол» деген бир шаар болгондугу, бул шаарды кыргыздар башкаргандыгы жазылган (Удутул аалам. Бартольд котормосу. 31-б.). Көптөгөн тарыхы материалдарды Миң жол шаары караханиларга таандык болучу. Ал эми Грумм-Гржимайло деген адам кара кытайлар доорунда бир бөлүк кыргыздардын азыркы Ак-Суу райондорунда жашагандыгын жазат (Батыш Моңжу жана Уранхай району». 2-т. 364-б.) Малчөргө бул кыргыздарды кара кытайлардан качып келген кыргыздар болсо керек деп божомолдоого болот жана бул доордо Кашкардын түндүк тарабындагы кыргыздардын бир мезгил күчөгөндүгү жөнүндө да маалыматтар бар (Удутул аалам. Бартольд котормосу. 31-б.). Бул материалдарга караганда кара кытайлар доорунда Тянь-Шань кыргыз уруулары Кара шаардын түндүк тарабынан Кашкардын түндүк тарабына чейин болгон бүткүл Тянь-Шань тоосунун түштүк этектерин бийлеп, кара кытайлар менен узак убакыт жоолошуп тургандыгы маалым.

Жаңы эранын Х кылымында Бухарадан чыгып Жуң гонун чыгыш райондоруна келген араб саякатчысы Абу далаф Мисар ибнини Эл Махаллефи деген адам угуз тайпалары менен карлук тайпаларынын ортосунда бир канча кыргыз урууларынын жашагандыгын жазган (Фин. Жиң. Жүн. Батыш район жана түштүк деңиз тарыхы материалдар жыйнагы. 687-б.). Бул заманда угуздар азыркы Балкаш көлүнүн батыш тараптары, Арал көлүнүн чыгыш жана чыгыш-түндүк тараптарын ээлеген. Демек, бул жерде баяндалган кыргыздар Талас суусунун батыш-түндүк тараптарында жашаган кыргыз уруулары болсо керек. «Уду тул аалам» деген китептеги жана башка маал ыматтарга караганда Эртыш суусунун батыш тараптары, Балкаш көлүнүн чыгыш-түштүк тараптарында кемак деген бир кыргыз уруусу болгон. Бул уруу Кэм-Кэмжит (Энесай) районундагы кыргыздардын бөрү деген уруусу менен коңшу жашаган (Уду тул аалам. Кыргыздар). Демек, бул маалыматтарга караганда Алай тоолорунан баштап Талас суусунун баш, орто жана төмөнкү агымына че йин болгон жерлерди да кыргыздар ээлеген.

Жүсүп Мамай аксакал айткан кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» вариантында кыргыздардын кытай жана кара кытайлар менен болгон коюу байланыштары өтө көп баяндалат. Эпостун 1-тому «Манас» бөлүмүндө кыргыздардын Орозду деген ханынын беш аялынан төрөлгөн Жакып, Шыгай, Катаган, Каткалаң, Жамгырчы (Алп Жамгырчы), Балта дөө, Касиет, Калка, Текечи, Кызылтай жана Жакып хандын үч аялынан төрөлгөн Манас деген уулу менен Кардыгач деген кызынан башка Серек, Сыргак, Абыке, Көбөш сыяктуу балдары жана алардан таралган кыргыз уруулары тилге алынат. Ошондой эле бул заманда кыргыздардын чоң урууларынан Ногой (Турпанда), Калча (Самаркан тараптагы Сары Арка деген жерде), Мангыт, Мадыкөл (Орто Азиянын Жамбыл бел деген жеринде), Дөөлөс (Талас өзөнүнүн Көтөлөк деген жеринде) деген чоң уруулар тилге алынган. Булардын ичинде Бешбалык, Жунгар ойдуңу, Балкаш көлүнүн түштүк тарабындагы Жети-Суу деген кең райондорго таралган Жедигер деген бир уруу «Манас» эпосунун көп жерлеринде тилге алынган. Жалпы айтканда, «Манас» эпосунда чыгышта Алтай тоолору, Тянь-Шань, Жети-Суу, Талас, Ысык-Көл, Памир тоосунун чыгыш жана батыш тараптарында «алтымыш уруу» кыргыз элинин болгондугу баяндалат. Эпосто Манас жана анын баатырлары, достору ошол урууларга жетекчилик кылып, кытай жана башка тайпаларга каршы согушуп, кыргыз элинин боштондугу үчүн жан кыйгандыгы айтылат.

«Манас» эпосунда кытайлардын «Бежин» деген жерин сураган Эсенкан деген бир хан жана Эсенканга караштуу «Чет Бээжин» деген шаарды сураган Сурандык, Сурандыктын уулу Сушуйа деген адамдар тилге алынат. Сушуйа Эсенканга таарынып казактардын Алаш деген жерине, кийин Алаштан Манастын жанына келет. Бул убакытта Манас Таласта отурган болучу. Сушуйа Таласка келген соң, кыргыздар Сушуйага «Алмамбет» деп ат коёт. Аламамбет өзүнүн тарыхы жөнүндө сүйлөй келип:

Аркы атабыз Ислаба,

Ислабадан Сулаба, Сулабадан Сулала,

Сулаладан Сурандык,

Шол жактан болот биздин жик. Өзүмдүн атым Сушуйа, Сушуйа деп билишет.

Талашканым жер болдум, Таалайым элден кем болдум. Азып келип Алмамбет, Айдарканга эл болдум. Азып жүрүп талаада, Агып жашым сел болдум.

Уядан учкан балапан,

Каалгасы бийик Кара тоо, Дал ошого кез болдум. Канатым талып жыгылдым, Ыгын билбей конордун.

Караган менен көз жетпей, Ырыскым кайдан болордун. Ата-энеден айрылып, Безип жүргөн бир жанмын. Кесирим Кара тоолордо Кезип жүргөн бир жанмын. Басарыма жерим жок, Басып жүргөн бир жанмын.

Өз элиме кас болуп,

Жазып жүргөн бир жанмын.

Батарыма жер таппай,

Качып жүргөн бир жанмын,– деп айтат.

Эпосто бул окуялар биздин назарыбызды жазма та рыхы материалдарга бурат. Жаңы эранын 1124-жылы хандыгы аталаш туугандары журжиттер тарабынан жыгылып, Гобий чөлдүгү, Хангай («Манас» эпосунда Канкай) тоолорун ашып өтүп, алды менен Энесай кыргыздарынын арасына баш калкалап, ырыскысына азык, батарына жер издеп келген кытай ханзадасы Элли Тайши деген адамды элестетет. Демек, «Манас» эпосундагы Алмамбет деген адам как ошол Элли Тайши деген ханзаданын өзү дебегенде да, анын окуялары ошол Элли Тайши деген адам жана ошол доордо кытайлар менен кыргыздардын байланыштарына зор ролдорду ойногон тарыхы жекелердин образы экендиги сөзсүз.

Тарыхый материалдарга негизделгенде жаңы эранын 1155-жылы Баласагунда курулган Кара кытай хандыгынын тунгуч ханы Элли Тайши (Горхан) өлүп, анын ордуна Жөлөгү деген уулу чыгат. Бирок Жөлөгү хан жылдары акылы кирбеген жаш бала болгондугу үчүн хандыктагы башка ар даражалуу бийлөөчүлөрдүн макулдугу боюнча анын энеси Пусурман катын деген аял убактылуу бийлик жүргүзөт. Жаңы эранын 1167-жылы Жөлөгү хандыкты өз колуна алат. 1211–1212-жылдары Баласагунда өлөт (Досун, Муңгул тарыхы. 1-т. 80–89-б.б.). Тарыхый материалдарга негизделгенде Жөлөгү доорунда кара кытайлар менен кыргыздар ортосунда кудум «Манаста» баяндалгандай көп согуштар болот. Бул согуштарга жана карлуктар, Самаркан, Хорезм, ал тургай Памирдин батыш тарабындагы тайпалар («Манастагы» афган падышалары) катышкан. Бул тарыхый окуялар бизди «Манас» эпосунда баяндалган «Жолой» деген хан как ошол тарыхый материалдарда баяндалган Жөлөгү деген адамдын образы болсо керек деген бир ойго алып келет.

Жалпы айтканда, кара кытай хандыгы доорунда ТяньШань кыргыз урууларынын кең райондорго таралып күчөшү менен бирге Тянь-Шань тоосу менен Памир тоосунун тегереги, Алтай тоосунун батыш тараптарынан баштап Балкаш көлүнүн Түштүк тараптары, Талас өзөнүнүн бойлору, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээктеринен баштап, анын бир кыйла батыш тарабындагы райондордун коомдук турмушунда чоң ролдорду ойной баштаган. Ал эми бул райондордогу кыргыздардын көбөйүшү болсо кытайлардын чыгыштан батышка келип хандык курганы менен байланыштуу. Биздин оюбузча, кытайлар Энесайдан кубаланганда алардын бир кыйла адамын туткун кылып алып келген болсо керек. Ошондуктан бул жердеги кыргыздардын сан-салмагы илгеркиге караганда көп көбөйгөн болсо керек.

Тянь-Шань кыргыздарынын коому жана маданияты

Жаңы эранын VII кылымында Орто Азияда бийлик сүргөн түркештер доорунан баштап, XIII кылымдын алгачкы жылдарына чейин өкүм сүргөн кара кытай хандыгына чейин болгон бир канча жүз жыл ичинде Тянь-Шань кыргыздары өз башынан түркеш, карлук, караханилар хандыгы сыяктуу мамлекеттердин бийлигин өткөздү. Бул доордо Тянь-Шань кыргыздарынын коому жана маданияты илгеркиден көп өнүктү, алардын сан-салмагы көбөйдү. Ошондой эле башка элдер менен болгон байланыштары кеңейип, өз ара айырмалар кичирди. Ошондуктан бул доор кыргыз улутунун калыптануусуна терең негиз салган бир доор болуп эсептелет.

Тянь-Шань кыргыздары бул бир канча жүз жылдын ичинде, негизинен, көчмөн мал чарбачылык менен тиричилик кылган. Алардын жайыттары илгеркидей көп кеңейип, Тянь-Шань, Памир тоолорунун эң сонун жайлоолоруна ээ болгон. Ошондой эле алардын суу бойлорунда жана ойдуңдарда жашаган уруулары, айрыкча Иле, Талас, Нарын, Какшаал, Кызыл-Суу жана Тарым бойлору, Турпан ойдуңу тараптарда жашаган уруулары дыйканчылык кылышкан, буудай, арпа, күрүч айдаган. Жогоруда айтылган араб саякатчысы Абудулаф Мисар бинни Эл Махаллефи деген адамдын берген маалыматтарына караганда кыргыздар буудай, күрүч сыяктуу аштыктарды азыктык кылган. Азыркы Шинжаң тарыхы жөнүндөгү байыркы тарыхый маалыматтарга караганда Аксуу, Үчтурпан жана Кызыл-Суу өзөндөрүнүн бойлору, эң байыркы замандардан баштап эле аштык кени болгон.

Айрыкча бул жерлерде күрүч көп эгилген. Бул жерлер де байыртан эле отурукташкан жергиликтүү элдердин дыйканчылык бул тараптарынан кыргыздарга таасир бербестиги мүмкүн эмес.

Бул доордо жана кээ бир кыргыз көчмөн мал чарбачылыктан отурукташкан дыйканчылык турмушуна өткөн. Баатырдык эпос «Манаста» Турпан районундагы ногой уруусунун буудай айдап тиричилик кылгандыгы, Манастын атасы Жакып хан «өзүнүн Алтайдагы Ак-Токой деген жеринен ошол заманда аштыктын кени болгон Баркөлгө көчүп келгендиги, ошондой эле Манастын да атасы Жакып хандан таарынып Турпанга келип, ногой уруусунун Мажик деген баатыры менен биригип, кудук казып, суу чыгарып, аштык айдаганы, кийин Жакып хан да Турпанга келип 600 төөгө аштык артып кеткендиги айтылат. Демек, бул абалдар жазма тарыхый маа лыматтарда кездешпесе да, бирок как ошол доордо тянь-шандык кыргыздардын кээ бир урууларынын коому илгеркиден бир кыйла өнүгүп, алардын отурукташкан дыйканчылык турмушуна көчкөндүгүн элестет.

Ошондой эле караханилар хандыгы курулган доордун ичинде анын бийлигинде турган жана шаарларга жакын жашаган кээ бир кыргыз уруулары ислам динин кабылдаган. Анткени жаңы эранын 932-жылы караханилар хандыгын курган Султан Сатук Бугра Кара хан жана анын ордуна чыккан уулу Муса Бугра хан сыяктуулар өз карамагындагы тайпаларды кылыч күчү менен ислам динине баштаган. Бул тайпалардын ислам динине болгон каршылыгына эч качан жол койбогон. Айрыкча Муса Бугра хан ислам динине кирбеген тайпалардын үстүнөн кандуу кыргынчылыктарды жүргүзгөн. Ошондуктан жогоруда айтылгандай, жаңы эранын 960-жылы 200 миң түтүн түрк тайпасы ислам динине кирген, бул тайпалардын ичинде кыргыз урууларынын да болгондугу анык. Анткени караханилардын бир борбору кыргыз уруулары бир кыйла чогулушуп олтурган Ысык-Көлдүн жээгиндеги Баласагун шаарында курулган. Алардын жана бир борбору Кашкардын тегерегинде бир канча кыргыз уруулары жашаган жана караханилардын түштүк менен түндүк, түштүк менен батыш райондорунун ортосундагы карым-катнаш жолдору бүтүндөй кыргыз уруулары турган жерлерде өткөн. Ошондуктан бул жердеги уруулар караханилардын зорлуктары жана таасири аркылуу алды менен ислам динин кабылдаган болсо керек. Ал эми ислам дининин таралышы болсо бул доордо көптөгөн көчмөн мал чарбачылардын олтурукташкан дыйканчылык турмушуна өтүшүн талап кылган. Мындай болбогондо ислам дининин көптөгөн диний кыймылдарын өткөзүүгө мүмк үндүк болбогон. Ошондуктан караханилар хандыгы курган уйгур ягмалар да өзүнүн илгерки көчмөн мал чарбачылык салтын таштап олтурукташкан дыйканчылыкка өткөн. Бул заманда ислам динине кирген кыргыз уруулары да мындай шарттуу талаптардын сыртында калбаган. Бирок алыс тоолордо жашаган кээ бир кыргыз уруулары жана илгеркидей эле өз шаман дини салттарын сактап калып, өздөрүнүн илгерки көчмөн мал чарбачылык турмуш салты менен кала берген.

Бул бир канча жүз жылдын ичинде Тянь-Шань кыргыздарынын кол өнөрчүлүк өндүрүшү да бир кыйла өнүккөн. Алар жана илгерки салты боюнча алтын, күмүш, жез, темир жана башка кен байлыктарынан кең пайдаланышкан. «Уду тул аалам» деген китептеги маалыматтарга караганда алардын жеринде жыпар кийик көп болгон. Алар жыпар, тери, пил тиши, жыгачтан ар түрдүү курал шаймандар, турмуш буюмдарын иштеп чыгарган. Кыргыздардын бул доордогу кол өнөрчүлүгүндө баатырдык эпос «Манаста» көптөгөн маалыматтар бар. Мисалы, баатыр Манастын Бакай деген адам берген «ак келте» деген мылтыгы, Айкожо деген адам берген «ач албарс» деген кылычы болгондугу, Бөлөкбай деген устанын Манаска ай балта, найза, камчы жасап бергендиги айтылат. «Манас» эпосунда кыргыздардын өзү жасаган ар түрдүү өндүрүштүк шаймандары, кийиз үй жабдыктары, аялдардын алтын, күмүш, шуру, бермет сыяктуу кымбат баалуу таштардан жасалган буюмдарынын болгондугу баяндалат. «Манас» эпосуна караганда бул заманда кыргыздар жасаган ээр токум, жүгөн, үзөңгү, куюшкан сыяк туу ат жабдыктары өтө даңктуу болгон. Ат жабдыктары көбүнчө алтын, күмүштөн иштелген, же болбосо алтын менен күмүш жалатылган жана алар мындай жабдыктарга ар түрдүү кооз сүрөттөрдү оюшкан. Бул доордо кыргыз элинин тери, жүндөн иштелген турмуш буюмдары ТяньШань, Орто Азия жана андан башка алыс райондордогу тайпалардын ичине таралган.

Бул доордо Тянь-Шань кыргыз уруулары биригип бир өңчөй хандык кура алган эмес. Ар бир уруу же болбосо бир жерде топтошуп отурган бир канча уруулардын өз алдынча бийлөөчүлөрү болгон. «Уду тул аалам» деген китептеги берген маалыматтарында кыргыз уруулары бул заманда өз уруу башчыларын «бий», «ханча», «падыша» деп атаган. Мындай мансап атадан балага мурас калган. Бул алды менен кыргыз урууларынын илгеркидей уруулук өзгөчөлүктөрү бузула баштап, анын феодалдык мүнөзү күчөгөндүгүн көрсөтөт.

Бул доордо ислам динин кабылдаган кыргыз урууларынын салт-санаасында да көп өзгөрүштөр болгон. Алар илгерки шаман дининин негизги салттарын таштап, ислам дини адаттарын баштаган. Бирок алардын ислам динине болгон ишеними уйгур жана башка тайпаларга караганда анча күчтүү болбогон. Алар «алланы» парсча «кудай» деп атоо менен бирге жана өздөрүнүн илгерки шаман дини салттары боюнча «теңир» деп атаган. Мисалы, «Манас» эпосунда «Алла сактасын» деген сөздөр көбүнчө «теңир жалгасын» деп айткан. Ошондой эле «ислам дини үчүн өмүр бою согушкан Манас көп убакыттарда кудайга сыйынуу менен бирге шаман дининин салттарын да жүргүзгөн. Мындай абал «Көкөтөйдүн ашы» деген мазмунда өтө көп учурайт. Манас өзүнүн согуштарында баштан-аяк Мухаммет алейсаламга берген ак келте, Азиретаалы берген ач албарсты иштеткен. Ал Кызыр алейсаламга көп ирет жолуккан. Манас каза тапканда анын аялы Каныкей аны ислам дининин адаттары боюнча жууп тарайт, кепинге салат, жашырын намаз түшүрөт, жашырын көр каздырып, жашырып көмөт. Хандарды жашырын жерлигине коюу адаттары ошол заманда жана андан илгерки же болбосо андан кийинки замандарда дүйнөдөгү көп тайпа жана элдерде болгон. Бирок Каныкей Манасты жерлигине койгондо Ак Балбанды да кошо өлтүрүп бирге көмөт. Анын үстүнө Манастын күмбөзүнө Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Кошой, Көкчө, Музбурчак жана кызыл чал баштаган кырк чоронун сүрөтүн жасатат. Байгеден чыгып келип калган Манастын аты Аккуланы өлтүрүп, анын омурткасын күмбөздүн орто жагындагы босогосуна бастырып коёт. Мындай абалдардын бардыгы шаман дининин адаттарына таандык. «Манастагы» мындай этнологиялык материалдарга караганда Тянь-Шань кыргыз уруулары бул доордо ислам дининин диний адаттары менен шаман дининин диний адаттарын бириктирип алып пайдаланган. Кээ бир олтурукташкан дыйканчылык турмушуна өткөн кыргыз урууларында болсо ислам дининин адаттары башка тайпа жана элдерден анча айырмаланбаган.

Бул доордо кыргыз маданияты илгеркиден бир кыйла өнүккөн. Алардын тил маданияты жагынан башка элдер, тайпалар менен болгон ортоктугу өтө күчөгөн, «Диван лугат-ат-түрктүн» берген маалыматтарында «кыргыздар бир түрк тайпасы» (Диван лугат-ат-түрк. 1-т., 246-б.) экендиги, анын караханилар доорундагы 24 чоң тайпанын бири экендиги жазылган. Караханилар доорунда «эң жеңил тил огуз тили, эң туура жана сылык тил болсо ягма, тохси тайпаларынын тили жана Иле, Эртыш, Ямал, Эткл (Волга) суусунун бойлорунан «уйгур шаарларына чейин болгон жерлерде жашаган элдердин тили» (Диван-лу гат-ат түрк. 1-т., 66-б.) болгон. Бул заманда уйгурлардын бир бөлүгү жогоруда айтылган Турпан, Бешбалыкты негиз кылып идикут хандыгын куруп, Тянь-Шандын түштүк тараптарын ээлеген. Будда динине ишенген. Махмуд Кашгаринин бул жерде «уйгур» дегени ушул идикут уйгурларына каратылган. Демек, жогорку маалыматка караганда караханилар жана андан кийинки бир канча заман ичинде ягма, тохси тили түрк тайпаларынын адабий тили болгон, ал эми «Диван лугат-ат-түрктүн» жана бир жеринде «кыргыз, кыпчак, огуз, тохси, ягма, чигил, играк, жарук тилдери бүт бойдон түркчө» (Диван лугат-ат-түрк. 1 т., 66-б.) – деп жазылган. Демек, Махмуд Кашгари кыргыз тилин ошол доордогу негизги адабий тил менен бир орунга койгон.

Ал эми «Диван лугат-ат-түрктүн» жазылыш тарыхы жана анын мазмуну, ошондой эле мындан IX кылым илгери жазылган бул китептеги тил менен азыркы заман кыргыз тили ортосундагы байланыштар, Махмуд Кашгари жогоруда айткандай, кыргыз тилинин ошол доордогу адабий тили болгон ягма, тохси тили менен бирдей болгондугун өтө терең далилдейт. Махмуд Кашгари: «Мен түрктөр, түркмөндөр, огуздар, чигилдер, ягмалар, кыргыздардын шаарларын, кыштак жана жайлоолорун көп жыл кезип чыктым. Алардын сөздүктөрүн топтодум, түркүн түстүү сөздөрүн үйрөнүп аныктап чыктым, бул менин тил билбегендигим үчүн эмес, ал эми бул тилдердеги ар бир кичине айырмаларды аныктоо үчүн иштегеним болучу. Болбосо мен тилде алардын эң жеткиндери, мамандары, акылдууларынын биримин, эски уруулаштарынын биримин. Согуштарда болсо алардын эң уста найзачыларынын бири боломун» (Диван лугатат-түрк. Автордун өз кириш сөзү) – деп жазган. Демек, Махмуд Кашгари кыргыз тилин ошол доордогу адабий тил ягма жана тохси тилдери менен бир орунга коюшу анын узак мезгил текшериштеринин натыйжасы. Махмуд Кашгари ушундай узак текшерүүдөн кийин ошол замандагы ислам маданиятынын борбору болгон араб империясынын борбор шаары Багдадга (азыркы Ирактын борбор шаары) барып жаңы эранын 1072-жылы өзүнүн бул чыгармасын жазып, аны Абасиялар империясынын падышасы Абулкасим Абдулла бинин Муаммеддин Муктада бинни Мируллахмага сунган. Ошону менен ал түрк тилдеринин, ошондой эле анын ичиндеги адабий тилдер катарына коюлган кыргыз тилинин даңкын дүйнөгө жайган. Ошондуктан Махмуд Кашгари тарабынан жазылган бул атактуу чыгарма караханилер хандыгын курган уйгур, ягмалардын байыркы маданияттык мурасы болуп эле калбастан, кыргыз элине да эң даңазалуу маданий мурас болуп эсептелет.

Ал эми «Диван лугат-ат-түрктө» баяндалган адабий тил менен азыркы заман кыргыз тилинин ортосунда анча чоң айырма жок. Мисалы,

«Диван» тили окулушу азыркы кыргыз тили
арк арк арык
акр (акур) акыр
ат (эт) эт
аб (оп) оп (кырманга кошулган
өгүз)
ак (ык) ык (ыктануу)
анг (аң) аң (аңчылоо)
арт (арт) арт (тоонун төбөсү)
окс (өгүз) өгүз
алг (алыг) алыг (алгыр)
азык (азук) азык (аш-азык)
азк (озук) озук (озук ат)
ашк (ашык) ашык (ашык томук)
ары (ары) ары (ары жак)
армт (армут) армут (мөмө)
амкан (өмгөк) өмгөн {моюн тамыры)
абка (өбке) өбкө (ачуусу келүү)

«Дивандагы» адабий тил менен азыркы заман кыргыз тилинин грамматика, лексика тараптарында да көп окшоштуктар бар. Бул маселелерге бир-бирлеп токтолуп олтурбадык.

«Диван лугат-ат-түрктөгү» маалыматтарга караганда бул заманда Кочо (Турпан) районунда жашаган будда уйгурларынын түрк тили менен сүйлөшкөнүнөн башка жана өзүнө таандык «уйгур жазуусу» деген бир түрдүү жазуусунун болгондугу, мындан башка «Диван лугат-аттүрктө» тилге алынган түрк урууларынын бардыгы 19 тамгалуу түрк жазуусун колдонгондугун жазат (Диван лугат-ат-түрк I т. Автордун өз кириш сөзү). Бул түрк жазуусу болсо араб жазуусунан келген. Демек, «Диван лугат-ат-түрктөгү» маалыматтарга караганда түрк тайпаларынын бири деп эсептелген жана адабий тил болгон ягма, тохси тилдери менен окшош тилде сүйлөшкөн ТяньШань кыргыздарынын да бул 18 тамгадан түзүлгөн түрк жазуусун колдонгондугу күмөнсүз.

Караханилар хандыгы курулуп, абдан өнүгө баштаган заманда, мындайча айтканда, «Диван лугат-ат-түрк» жазылгандан азыраак илгери болгон жаңы эранын 1069–1070-жылдары Баласагундук Жусуп хас ажиб деген атактуу окумуштуу ошол замандагы түрк тайпаларынын адабий тилинде «Кутадгу билиг» («Кут келтирүүчү билим») деген бир атактуу чыгарма жазган. Бул чыгарма мазмуну жагынан өтө бай болуп, мамлекетти кандай башкаруу, мамлекетте бийлик жүргүзүүчү мансапдарлардын ой-пикирлери, адеп-ахлахтары, мамлекетти бийлөөчүлөр менен жөнөкөй букаранын байланыштары, мамлекеттеги коомдук өндүрүш, коомдук турмушту кандай орноштуруу маселелери жана кыргыз тайпаларын өз ичине алган түрк элдеринин байыртадан келген салт-санаасы, турмушу сыяктуу маселелер кең баяндалган. Ошондуктан «Кутадгу билиг» чыгармасы ошол заманда жашаган түрк тайпалары, ошондой эле анын ичиндеги Тянь-Шань кыргыздары үчүн да өтө чоң маңызга ээ.

Жалпы айтканда, түркештер доорунан кара кытайлар дооруна чейин болгон бир канча жүз жыл ичинде башка түрк тайпалары менен бир катарда кыргыз тайпасынын коому, маданияты, тили жана башка тараптары көп өзгөрүштөр майданга келген. Айрыкча XII кылымдын аягы – XIII кылымдын баштарында кыргыз тайпасы кара кытайлардын алсыздангандыгы себеби менен тез өнүгүү жолуна карап баскан. Бул доордо алсызданган кара кытайлар тайпасынын бир бөлүгү кыргыз тайпасынын ичине сиңип кирип, кыргыз уруусунун бири болуп калган. Азыркы күндө кыргыздардын отуз уул тобуна таандык болгон «сол» деп аталган уруулардын ичинде «кытай» деген бир чоң уруу да бар.

Т.ЧОРОТЕГИН, Т.ӨМҮРБЕКТЕГИН

ХУНН ДООРУНДАГЫ БАБАЛАРЫБЫЗ

Хунналар мамлекетинин пайда болушу

Түрк элдери жана алардын бабалары. Кыргыздар келип чыгыш теги жагынан жалпы эле түрк тилинде сүйлөөчү калктарга (азербайжан, алтайлык, балкар, гагауз, казак, каракалпак, өзбек, ногой, тува, түрк, түркмөн, хакас-хоорай, жут-саха ж. б.) боордош. Алардын тилдик жалпылыгы «түрк» сөзү менен чагылдырылат.

«Түрк» сөзүнүн алгачкы мааниси. «Түрк» сөзү дароо эле бардык боордош, тили тектеш калктарыбыздын жалпы аты боло калган эмес. «Түрк» сөзү алгач «төрөлгөн», «тирүү» маанисин берген, кийинчерээк бул сөз менен чакан уруу өзүн атап келген. Ал эми түрк каганаттарынын доорунда (биздин замандын VI–VIII кк.) бул сөз кеңири саясий мааниге ээ болуп, башка тилдерде сүйлөгөн калктар кыргыздарды жана аларга тили тектеш элдерди жалпысынан «түрк» деп атап калышкан.

Түрктөрдүн тарыхый бабалары – хуннулар. Тили тектеш калктарыбыздын тарыхта маалым орток бабалары хуннулар эле. Жалпы түрк элдеринин алгачкы тарыхый мамлекеттүүлүгүн хуннулар негиздеген. Хуннулар айрым бир гана азыркы түрк элинин ата-теги деп көрсөтүүгө болбойт. Хунну маданияты, салт-санаасы, саясий тажрыйбасы дээрлик бардык түрк урууларына таасирин тийгизген.

Хуннулардын алгачкы мекени. Борбордук Азияда көчмөндөр цивилизациясын негиздеген хуннулар биздин заманга чейинки VI–V кылымдардан тартып, Байыркы Кытайдын Хуанхэ дарыясынын боюнда жайгашкан мамлекеттердин түндүк-батыш коңшулары болгон. Ал эми хуннулардын түндүк-батышында эң байыркы кыргыздардын жана ага тектеш түрк урууларынын ата-теги жайгашкан. Алардын бардыгы тең б. з. ч. I миң жылдыктын ортосунда алгачкы жамыяттык түзүлүштө жашашкан.

Хуннулардын чыгыш тарабындагы коңшулары дунху уруу жалпылыгына кирген уруулар эле. Алар монгол тилинде сүйлөөчү калктардын байыркы ата-теги болуп саналат.

Батыш жагынан хуннулардын коңшулары йүечжи деп кытайча аталган уруулар эле. (Хунну, дунху, йүечжи сөздөрүнүн баары байыркы кытай тилиндеги этнонимдер. Бул калктар өздөрүн ошол доордо кандай атагандыгы чоң табышмак бойдон калууда). Йүечжилер индоевропа тилдеринде сүйлөгөн эң чыгыштагы уруулар болуп саналат. Алардын тили азыркы тажик, иран, хинди тилдерине тектеш келет.

Хуннулар жана кытайлык мамлекеттер. Б. з. ч. I миң жылдыктын алгачкы жарымында хуннулар менен ба йыркы кытайлыктардын ортосунда башка да көчмөн уруулар жайгашкан. Ошондуктан кытайлыктар көбүнчө өздөрүнө жакын уруулар тууралуу сөз кылышкан (маселен, «жун» деген ат менен белгилүү уруулар б. з. ч. IX–IV кылымдарда Кытай үчүн оор жоготуулар тартуулаган согуштарды жүргүзүп турушкан).

Айрым учурларда хуннулар менен кытай аскерлери тирешкен жагдайлар түзүлгөн. Кытайлык байыркы «Ырлар китеби» деген жыйнактагы ырлардын бири б. з. ч. 822-жылга таандык окуяны сыпаттайт:

«Алтынчы айда дүрбөлөң түштү!

Согуш арабалары шайма-шай турат.

Алар адаттагыдай жабдылып коюлган.

Хуннулар каардуу түрдө кол салышты. Биздин шашып чыгаар себебибиз – Баш калааны бошотуу керек эле.

Падыша жүрүшкө чыгууга берип буйрук,

Биз хуннуларды жеңип койдук…»

Ал эми согуш болбогон маалдарда хуннулар жөнүндө кытайлык булактар эч эскербей келген.

Б. з. ч. IV кылымдан тартып хуннулар Кытайдын чакан падышачылыктарынын түздөн-түз коңшусу болуп калган. Өзгөчө б. з. ч. III кылымында хунну атчандары түндүк-батыштан тынымсыз кол сала башташкан. Шаньси деген аймактагы Чжао аттуу кытайлык падышалыктын кошуундарынын кол башчысы Ли Му өзүнүн аскерлеринин көптүгүнө таянып, хуннуларды талкалаган. Көп узабай б. з. ч. 226-ж. Чжао мамлекетин кытайлык башка бир өлкө – Цинь мамлекети басып алган.

Хуннулар жана «Улуу Кытай дубалы». Б. з. ч. IV кылымдын ортосунан (359-ж.) тартып, Хуанхэ дарыясынын ортоңку агымындагы Цинь аттуу чакан падышалыкта реформалар жүргүзүлгөн. Кытайдын эң түндүк-батышындагы бул мамлекет бат эле чыңдалып кеткен. Б.з.ч. 246-жылы тактыга 13 жашар Ин Чжэн отурат. Ал б.з.ч. 228–221-жылдары кытайлык чакан падышалыктардын баарын өзүнө каратууга жетишет да, өзүн «Цинь Шихуан» – «Цинь сулалесинин туңгуч императору» деп жарыялайт (ал б. з. ч. 210-ж. өлгөн).

Цинь Шихуан мамлекеттик борбордук бийликти чыңдаган реформаларды уланткан. Бүткүл Кытай боюнча бирдиктүү жазмасы, акчасы, алык-салыгы, ченөө системасы, атуулдугу, мыйзамы жана куралдуу күчтөрү негизделген. Андан соң Цинь Шихуан өзүнүн түндүк-батыштагы олуттуу душманы – Ички Монголия, Иньшань жана Ордосту жердеген хуннуларга каршы согуш ачкан. Б. з. ч. 215жылы 300 миң аскерден турган кытай кошууну Ордостогу хуннуларды жеңет, кийинки жылы Хуан-хэнин («СарыДарыя») түндүк жак өйүзүн ээлейт.

Хуннулардын чапкынына каршы таасирдүү коргонуу системасын түзүү максатында Цинь Шихуан «Улуу Кытай дубалы» деп аталган курулушту баштаган. Бул кубаттуу сепил сымал чыңдоо бош калбоосу үчүн Кытайдын ичкерки аймактарынан адамдар көчүрүлүп келип, 44 жаңы дубандыктар түзүлгөн.

Хуннулар жана башка түндүктөгү көчмөндөрдүн кошуундары өтө алгыс болууга тийиш, бул «Улуу Кытай дубалы» 4 миң кмге созулган. Анын бийиктиги 10 м эле. Ар бир 60–100 мден соң кароол мунаралары сороюп турар эле. Арийне, бул дубал Цинь мамлекетин сактап кала алган жок. Алык-салыктын ашкере көбөйүшү, миңдеген дыйкандардын талаа жумуштарынан алагды болушу калк тын ар кыл катмарынын нааразычылыгын күчөттү. Цинь Шихуан өлгөн соң көтөрүлүш оту алоолонуп, анын мамлекети быт-чыт болду. Көтөрүлүшчүлөрдүн бир тармагын жетектеген Лю Бан деген адам б. з. ч. 207-ж. борбор шаар Сяньянды басып алган, б. з. ч. 202-ж. ал өзүн «император Гао-цзу» деп жарыялап, «Эрте Хань» сулалесин негиздеген.

Биздин күндөргө чейин архитектуралык курулуштун үлгүсү катары сакталып жеткен «Улуу Кытай дубалы» Кытайдагы сулалелик алмашууга карабастан хуннулар (түрктөрдүн ата-теги) жана дунху уруулары (монголдордун ата-теги) багытындагы Кытайдын туруктуу түндүк чеги катары б. з. ч. III–I кылымдарда кызмат кылган. Бул чептер системасы согуштук мааниге гана ээ болбостон, кытайлыктар менен түндүк коңшуларынын соодалык, чарбалык, маданий алакаларынын да күбөсү болгон.

Хуннулардын алгачкы падышасы – Тоу-ман (Түмөн). Хуннулардын уруу бирикмесин түзгөн эзелки тарыхый инсандары белгисиз. Ал эми кытайдын тарыхый булактары бизге маалымдаган эң алгачкы хунну падышасы кытай иероглифтери аркылуу Тоуман деп берилген. Анын падышалык титулу «шанүй» эле. Тарыхый адабиятыбызда Түмөн-шанүй делген бул адамдын тушунда хуннулар кубаттуу дунхулардын жана йүечжилердин ортосунда калган эле. Бул б. з. ч. III кылымдын акыркы чейрегине таандык.

Түмөн-шанүй хуннулардын уруу бирикмесин жетектеп турганда б. з. ч. 215-ж. кытайлык кошуундан жеңилүүгө учурайт. Хуннулардын алсыраганынан маалым болгон йүэчжилердин падышасы Түмөн-шанүйдөн аманат талап кылган. Батыштагы жоосун алаксытуу үчүн Түмөн-шанүй өзүнүн улуу аялынан төрөлгөн уулу Маодунду (Модэ, Мете) аманат катары йүэчжилерге берүүгө аргасыз болот.

Түмөн-шанүйдүн кичи аялынан да бир кенже уулу болгон. Йүэчжилер кокус Модэни өлтүрүп салышса, мураскер катары ушул кенже уулу тактыга отурмак. Арийне, уулу Модэ эркиндикти гана сүйбөстөн, бүткүл хунну өлкөсүнүн күч-кубатын түзө алган таланттуу мамлекет башчысы болорун атасы болжолдой алган эмес.

Модэнин козголоңу. Күндөрдүн биринде Түмөн-шанүй кол топтоп алып йүэчжилерге басып кирди. Хуннулардын кошууну жакындаганда сыйлуу туткун болуп жүргөн жаш Модэ акырын чыгып, бир аргымакты тутту да, кайрадан күчтөнгөн хуннуларга аман-эсен качып жетти.

Бул – өзүнчө эле эрдиктин үлгүсү болгон. Түмөн-шанүй улуу уулуна өзүнүн колунан бир кошуунду бөлүп берди, Модэ өз аскерлерин ышкырыктуу жебе менен таамай атуу га машыктыра баштады. Акырындап ал өз кошуунун берилген, буйрукту кыңк этпей аткарган аскерлер менен толуктаган. Кытай булактары күбө болгондой, күндөрдүн биринде ал өзүнүн жебеси кайсы бутага атылса, дал ошону кайталоого жигиттерине буйрук берет. Андан соң өзүнүн сүйүктүү аргымагына ышкырыктуу жебесин багыттап атып калат. Кол башчысынын мыкты аргымагын атып салууга даабаган жигиттеринин башын алдырат.

Кийинчерээк Модэ өзүнүн сүйүктүү колуктусун көздөй ышкырыктуу жебесин мелжеп атат. Анын бул буйругуна түшүнө бербегендердин баарынын башы алдырылган. Каардуу кол башчы Модэ аң уулоо учурунда өзүнүн атасы минген атты жаасы менен атып калат. Мурдагы окуялардан катаал сабак алган жоокерлери бири калбай бул атты атып өлтүрүшөт.

Ушундай даярдык Модэни козголоң чыгарууга бел байлатат. Ал ышкырыктуу жебесин өз атасы Түмөн-шанүйдү карай мелжеп атканда, жоокерлери да өз жебесин кечикпей хунну падышасын көздөй жиберүүгө тырышышты.

Бул окуя б. з. ч. 209-ж. болуп өттү.

Модэнин бул козголоңу, ошентип ийгиликтүү аяктаган. Кийинчерээк бийликти өзүнөн тартып алышпасын үчүн ал Түмөн-шанүйдүн кичи аялын жана анын баласын, атасына берилген адамдарды бүт өлтүртүп, өзүн хуннулардын «шанүйү» деп жарыялаган.

«Жер – мамлекеттин негизи!..» Хуннулардын ортосундагы козголоң тууралуу айың кептер алардын чыгыштагы жоосу – дунхуларга чейин да жеткен. Бул оңтойлуу кезден пайдаланып, дунху төбөлдөрү жаш Модэ-шанүйдөн хуннулардын чыгыш жагындагы чек аралаш аймакты өздөрүнө берүүнү талап кылышкан. Козголоң жүүнүн бошоткон хуннулар бул талапты илгиртпей аткарат го,– деп ойлошкон дунху төбөлдөрү.

Ошол доордун заңына ылайык Модэ-шанүй аксакалдардын кеңешин чакырды. Аларды дунху бийлик эгесинин талабы менен тааныштырды. Эски замандарда аксакалдардын көпчүлү гүнүн пикири согуш жана тынчтык маселелерин чечүүдө хунну шанүйү үчүн милдеттүү бо лор эле. Аксакалдардын көбү дунхулардын баскынчылыгынан чочулашып, алар менен араздашпай сураган жерин берип коюуга кеңеш беришти. Бирок бул такилип Модэ-шанүйдүн ачуусун гана келтирди. Кытай тарыхчысы Сыма Цянь жазып калтыргандай, Модэ-шанүй каарданып туруп: «Жер – мамлекеттин негизи да, кантип эле аны берип салууга мүмкүн болсун!» – деп жооп ка йырды.

Ушундан соң ал күтүүсүз буйрук берди – терс кеңеш айтып алган аксакалдардын башын алдырды. Бул иш жүзүндө хуннулардын аксакалдар кеңешинин өз алдынча маанисин жокко чыгаруу дегенди туюнтат. Эми жалаң гана шанүйгө кыңк этпей, ойлогонуна окшош сүйлөөгө тырышкан, айтканын кылган адамдар кеңеш мүчөсү болуп калды. Шанүй жеке бийлик жүргүзүүчү бийлик эгесине – монархка жакындап калды.

Модэ-шанүйдүн жортуулдары. Ички саясий бийликтин тизгинин толук өзүнө топтогон Модэ-шанүй аргымагына минди да, кол топтоду. Өз чакырыгына кечигип келе тургандардын башын алууга буюрду. Анын катаалдыгын баамдаган хунну төбөлдөрү өз кошуундары менен тези рээк келүүгө умтулушту.

Модэ-шанүйдүн колу дунхулар жайгашкан аймакка капысынан кол салды. Дунхулар Түштүк Маньчжурия жана Чоң Хинган тоо кыркаларында көчүп-конуп жа шар эле. Модэ-шанүйдүн бул жортуулу ийгиликтүү аяктап, дунху аскерлери ойрон болгон. Алардын бийлик эгеси да тутулуп өлтүрүлгөн. Хуннулар туткундарды жана көптөгөн малды олжолоп кайтышты.

Бул жүрүшкө шерденген Модэ-шанүй өзүнүн колун түндүк-батышты карай баштап, жаңы баскынчылык согушка кирди. Улам күчтөнүп жаткан түндүктөгү коңшу өлкөнүн бул аракеттери кытайлык ак сарай тарыхчылары тарабынан тизмеленип жазылып калган.

Модэ-шанүй чыгыштагы душманынын эсебин тапкан соң, оболу ат тизгинин батышка бурган. Ордостон батыштагы Хэси аттуу тарыхый аймактан чыгышка жылып, Түндүк Кытайдагы Алашань чөлүнө чейин жеткен йүэчжилер кайрадан батышка сүрүлгөн.

Б. з. ч. 205–204-ж.ж. Модэ-шанүй тангуттардын ата-теги болгон лэуфань жана баянь урууларын Ордос жергесинде өзүнө каратып, Кытайды көздөй алгачкы жортуулун жасаган.

Б. з. ч. 203–201-ж.ж. хуннулар түндүк жана түндүкбатыш аймакка жортуулдарын уланткан. Түрк урууларынын байыркы ата-тегинен болгон бир катар башка уруулар дал ушул жортуул менен байланыштуу кытай булактарында тилге алынган. Маселен, Түндүк-Батыш Монголия жана Саян-Алтай аймагында жашаган хуньюй, күйеше, динлиндер, Чыгыш Теңир-Тоонун түндүгү жана Жуңгария аймагында жашаган кыргыздар Модэ-шанүйдүн ири дөөлөтүнүн курамына каратылган.

Хунндардын чарбасы,  коомдук турмушу, өнөрү

Көчмөн турмуш. Ар тараптуу сыпатталып жазма тарыхта эскерилген алгачкы түрк бабалары – хуннулар көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенген. Борбордук Азиянын кеңири талаа мейкиндиги мал чарбачылыгы үчүн оңтойлуу жайыттардын ааламы эле. Хуннулар жайыт которууну горизонталдык багытта жүргүзгөн, б.а., бир жерден экинчи талаа жерине жылган көчмөндөр эле (салыштырыңыз, кыргыздар байыртадан эле тоолуу аймактарды мекендеп, жайында – жайлоого, кеч күздө – кыштоого жылып, вертикалдык багытта чарба жүргүзгөн көчмөндөр болгон).

Хуннулар үчүн жылкы өзгөчө мааниге ээ болгон. Ал жөн гана унаа эмес, согушта, аң уулоодо табылгыс мал эле. Эти да, кымызы да баалуу болгон. Алашан, Гоби сыяктуу чөлдөр аркылуу кезген хуннулар үчүн төө да баалуу унаа кызматын аткарган. Башка көчмөндөрдөй эле хуннулар да кой, эчки, топоз, уйларды кармаган.

Кол өнөрчүлүк. Маданият. Хуннулардын башка чарба тармактарындай эле, кол өнөрчүлүгү да көчмөн турмуштун бир ажырагыс бөлүгүн түзгөн. Терини ийлеп иштетүү, булгаары өтүктөрдү ыңгайлуу кылып ултаруу, ташка, мүйүзгө, сөөккө, жыгачка оюу түшүрүү хуннуларда өнөр катары дурус жайылтылган.

Койдун, төөнүн жүндөрү, эчкинин тыбыты пайдаланылган. Монголиянын Селенга аймагындагы Ноин-Ула деген жерде 1924-жылы П. К. Козловдун саякаты учурунда хунну ак сөөк адамдарынын көрүстөнү табылган. Ноин-Ула көрүстөнүнүн ичинен казылган буюмдардын ичинде кийиз шырдак да табылган. Анда оюм-чийимдерден тышкары жан-жаныбарлардын да сүрөттөрү жандуу кыймыл аркылуу берилген. Хунну орнаментт ери башка түрк элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын, кийинки килем токуу, шырдак шыруу, ала кийиз жасоо, көшөгө үчүн ж. б. сайма саюу өнөрлөрүнө да көчкөн.

Хуннулар өздөрү үчүн кандай үйдү жасашты экен? Биерде «үйдү салды» деген сөздүн колдонулбаган себеби – хуннулар жалпысынан боз үйлөрдө жашашкан. Көмкөрүлгөн чай чыны сыяктуу бул үйлөр бир жайыттан экинчисине араба менен жылышы да мүмкүн болгон, кереге-ууктары да жыйылып көчүрүлгөн. Хуннулар ири аймакты ээлеп, ар кыл климаттык жана ландшафттык шарттарда жашаган калктарды өздөрүнө жуурулуштуруп, натыйжада алардын арасында жертөлөдө, ал түгүл устундардан ашталып жасалган үйлөрдө жашаган адамдар да пайда болгон.

Борбордук Азиянын көчмөндөр цивилизациясынын өкүлдөрү болгон хуннуларда акырындап отурукташкан жайларды – шаарды куруу салты да өздөштүрүлө баштаганы байкалган.

Байыркы хуннулар карапачылыкты да дурус өздөштүрүшкөн. Биздин күндөргө чейин келип жеткен хунну доорунун карапа идиштери (данды сактоочу, суу, сүт, кымыз куюучу идиштер, табактар, кумуралар ж. б.) кол менен гана жабыштырылып жасалбастан, карапа тегерегин кол менен айлантуу аркылуу да даярдалган.

Зергерчилик да хунну өнөрүнүн өзгөчө ордун ээлеген. Алар алтын жана күмүш жасалгаларга асыл таштарды чөгөрүүнү, күмүш бетине сүрөт жана оюуну чегелөөнү ийине жеткиришкен.

Металл куюу өнөрү да хуннулардын чарбасынын зарыл тармактарынын бири болгон. Алар темирди эритишкен, ысык кезинде согуп, жебенин, найзанын учтарын, ар кыл аскер жарактарын, тиричиликке керектүү шаймандарды жасашкан. Колодон куюп буюм жасоо да кеңири таралган.

Аңчылык. Мергенчилик хуннулар үчүн кошумча азыктүлүк табуунун салттык булагы катары сакталып калган. Модэ-шанүй жана анын атасы Түмөн-шанүй менен байланыштуу өткөн сабакта айтылган аңгемеден улам хуннулар топ-тобу менен чыгып, аң уулап сейилдей турганын баамдадыңар. Албетте, жаасын, тузагын, кушун алып жекече мергенчилик кылуу га да мүмкүн болгон.

Аң уулоо чарбалык кесиптин бир түрү гана эмес, аскердик даярдыктын мектеби да болуп эсептелген. Көчмөн хунну аңчылык учурунда чыдамкай болууга, шамдагайлыкка, айлана-чөйрөнү байкоого, из жашырууга, көзгө атар мергенчиликке, айлакердикке үйрөнгөн.

Дыйканчылык. Мезгил өткөн сайын Борбордук Азияда нукура көчмөн турмуш бейнеси өзгөргөн. Бир чети, отурукташкан калктардын маданий таасири астында, алардын туткундалып келгендери же хуннулардын аймагына мекендеш үчүн качып-бозуп келгендерди пайдаланышкан, экинчи чети, хуннулардын айрым бөлүгү жарым көчмөн акыбалга дуушарланып турган. Натыйжада, дыйканчылыкка ыңгайлуураак аймактарда хуннулар да аз-аздан буурсунду пайдаланып, эгин өстүрүш көн. Хунну доорунан калган таш жаргылчактар, дан эгинин сактоочу карапа идиштер, буурсундун тиши азыноолак жүргү зүлгөн дыйканчылыктын заттык күбөлөрү болуп эсептелишет.

Хунну доорунан тартып көпчүлүк түрк элдеринин айрым бир бөлүктөрү көчмөн мал чарбасы менен дыйканчылыкты айкалыштырууну өздөрүнө салт кылышкан. Түрктөрдүн, алардын ичинде кыргыздардын чарбасын жалаң гана малчылык менен чектөөгө эч мүмкүн эмес.

Коомдук түзүлүш. Б. з. ч. III кылымдын акырынан тартып гана хуннулар тууралуу жазма маалыматтар ар тараптуу камтылат. Ошондуктан буга чейинки хуннулар үзүл-кесил эскерилген доорду – б. з. ч. IX кылымдан Түмөн-шанүй бийлегенге чейинки заманды уруулук түзүлүштүн ыдыроосу жүргөн өткөөл мезгил катары кабыл алууга болот. Ал эми Түмөн-шанүй бийлеген убакта (б.з.ч. III кылымдын акыркы чейреги – б. з. ч. 209-жылга чейин) хуннулар көчмөн коомго таандык эрте феодалдык мамлекетке ээ болгон. Хунну доору бир эле учурда уруулук түзүлүштүн көптөгөн белгилерин сырткы көрүнүш же трансформацияланган, жаңы коомдук деңгээлге ылайыкташкан ички мазмун катары мурастап калган. Ошол эле учурда бул саркындылар алгачкы жамыяттык түзүлүштүн өзгөрүлбөгөн көчүрмөсү катары каралууга тийиш эмес.

Маселен, хуннулар ар кандай уруулардан турган. Алардын ичинде үч уруу саясий таасирдүүлүгү боюнча өзгөчө бөлүнүп турган төбөлдөр уруусу эле. Модэ-шанүйдүн тушундагы бул урууларды кытай булактары хойань, лань, сүйбу (сюйбу) деген аталыштар менен белгилейт. Ал эми шанүйдүн өзү болсо лүаньди (люаньди) уруусунан чыккан дешет кытай тарыхчылары Сыма Цянь жана Бань Гу.

Хуннулардын саясий структурасы. Кытай булактары хуннулардын оң канат жана сол канат болуп жасалма саясий тизимге ажырымдаларын чагылдырышкан. Бардык оң канат бектер жана кол башчылар батыш тарапта Щанцзюнь чөлкөмүнө (азыркы Ички Монголиянын бөлүгүн жана Шаниси вилайетинин түндүгүн камтыйт) бет маңдай жана андан батышка жайгашып, йүэчжи, ди жана цянь элдери менен чектешип турган. Ал эми сол канаттагы бектер жана кол башчылар алардын чыгыш тарабында Шангу чөлкөмүнө (Хэбэй вилайети; Ючжоу аймагында) бет маңдай жана андан чыгышыраакта жайгашып, Хуэйхэ жана Чаосянь менен чектеш эле.

Мындай дуалдык (жуптук) башкаруу системасы ки йинчерээк орто кылымдардагы түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда да мурасталган. Хуннулардан калган дагы бир ырасым – өлкөнүн 24 аким (уруу башчылары жана аймак төбөлдөрү) тарабынан башкарылышы эле. Аткаруу бийлигинин бул 24 өкүлү оң канат жана сол канаттын «акылдуу ван», «лули-ван», улуу кол башчы «улуу дувэй», «улуу данху» сыяктуу иерархиялык бийлик тепкичине ажырымдалган акимдеринен турган. Бул 24 акимдин «түмөн башы» деген мартабалары болгон жана өз кызматын алар мурастаганга акылуу болушкан (б. а., кезектеги шанүй аларды өз уруусунан дайындаган). Арийне, «түмөн башы» (он миң аскердин башчысы) делген менен айрымдарынын кошууну бир нече миң гана аскерден турган, күчтүүлөрү он миң атчан аскерге ээ болгон.

Түмөн башынын өз бийлигин мурастаганы анын башкаруу чу уруунун өкүлү болгондугун дагы бир ирет ырастайт. 24 аким өздөрү ээлеген жеринин аймагы боюнча да айырмаланышкан.

Кытай тарыхчысы Фань Е жазып калтыргандай, өтө жогорку мартабалуу эсептелген төрт аким «төрт мүйүз» деп аталган. Алардын кадыр-барктуулугу төмөнкүдөй тепкичте болгон: эң мартабалуусу оң канат сянь-ван, андан соң сол канат лули-ван. (Мындагы кытайлык «ван» сөзү кыргызча «бек» маанисин берет.)

Мындан чыгыш аймактарын (сол канат) ээлегендердин саясий таасири жогорураак эсептелгенин байкоого болот. Ал эми оң канат менен сол канаттын багытын аныктоодо хуннулар жүзү менен түндүктү эмес, түштүктү карап турганын билебиз.

Жогорку акимдер шанүйдүн кичи бир туугандарынан жана уулдарынан дайындалып турган. Түмөн башылар өз кезегинде өзү бийлеген аймактарда миң башы, жүз башы, он башы сыяктуу башкаруучуларды өз алдынча дайындай алышкан. Ар бир эркек адам аскер катары саналган.

Хуннулар түзгөн аскердик-феодалдык башкаруу системасы Борбордук Азиядагы кийинки көчмөн мамлекеттер тарабынан да өздөштүрүлгөн. Ал эми өлкөнү 24 акимдин башкаруусу орто кылымдардагы огуздар тарабынан да мурасталган (Махмуд Кашгари, Рашид ал-Дин ж. б. күбө болгондой, огуздардын 24 уруусу болгон).

Шанүй – көчмөндөр монархы. Модэ-шанүйдүн дооруна чейин хуннулардын уруу бирикмесинин башчысы «шанүй» титулун алган. Бул титул тек гана эң жогорку уруу башчысы дегенди туюнткан. Сыма Цяндын жазганына караганда, «шанүй» сөзү «кеңирсиген», б. а., Көк сыяктуу кеңирсиген деген маанини берген. Айрым түркологдор (Ф. С. Фасеев) бул термин байыркы доордо «таң-дун» деп окулуп, «жогорку адам», «тоо сымал бийик адам» деген маанини туюнтканын болжол кылат.

Модэ-шанүйдүн учурунда бул титул тек гана уруу бирикмесинин өмүр өткүчө бийлөөчү жол башчысын туюнтпастан, ири мамлекеттин мурастан-мураска өтүүчү жеке бийлөөчүсүн – монархты түшүндүрүп калган.

Албетте, хуннулардын эрте феодалдык мамлекетинин башчысы өзүнүн падышалык бийлигин баса көрсөтүү үчүн «шанүй» титулуна кошумча эпитетти да колдонууга умтулган. «Теңри куту» – «Теңир, б. а., Көк ыроологон кут» деген кошумча титул дайыма «шанүй» титулунун алдында айтыла баштаган. Ал эми Модэ-шанүйдүн б.з.ч. 176-жылдагы, анын уулу жана мураскери Лаошан-шанүйдүн б.з.ч. 166-жылдагы кытай императоруна жиберген каттарында ушул титулдун мааниси кытайча которулуп берилген: «Көк дайындаган улуу хунну шанүйү…» (Модэ), «Көк менен Жерден туулган, Күн менен Айдан дайындалган улуу хунну шанүйү» (Лаошан).

Мындан «Көк дайындаган» деген кытайча сөз айкашы «теңри куту» деген терминдин сөзмө-сөз котормосу болуп эсептелет. Анткени түрктөрдө, алардын ичинде кыргыздарда, асманды «Көк» дешкен, анын ээсин «Теңир», «Теңри» деп аташкан. «Көк» менен «Теңри» синоним катары да пайдаланылган.

Хуннулардын «теңри куту шанүй» деген падышалык титулу орто кылымдарда да орхондук (монголиялык) түрктөр тарабынан мурасталып, алар өз ханын «теңриде болмыш каган» деп аташкан.

Модэ-шанүйдүн доорунан тартып кубаттуу кезеңинде шанүй абсолюттук деңгээлге жакындаган жеке бийлик эгедери боло алган. Мындай учурда шанүй аксакалдар кеңешинин пикири менен эсептешпей коё алгандыгы Модэ-шанүйдүн дунхулардын ультиматумун талкууга алгандагы жоругу менен дурус айгинеленет. Ал эми шанүйдүн күчү алсыраган маалда жыйырма төрт түмөн башы ж. б. төбөлдөр жыйылуучу курултайдын чечиминин ролу өскөн.

Шанүйлөр калыптандырган чектелген монархиялык мамлекет байыркы кыргыздар үчүн да саясий тажрыйба жана өрнөк болуп калган.

Жамыят. Хуннулардын коомунун негизги бөлүмү уруктардан жана аларды бириктирген уруулардан турган. Ал эми уруктар болсо өз кезегинде жайыттын ыңгайына жараша журт тарга (чакан айылдарга) жиктелген. Хунну журттары, кытай булактарынын маалыматына караганда, «було» термини менен белгиленген (кыргызча «бүлө», «үй-бүлө» жана монголчо ага маанилеш «гэр бүл» сөзү менен салыштырууга болот).

Урук-уруусу боюнча тектеш хуннулар бири-бирине жакын журттарды ээлеп, жамаатташ жашашкан. Алардын насили (теги) гана эмес, салты, диний түшүнүктөрү, ырым-жырымдары, диалектилик өзгөчөлүктөрү бирдей болгон. Хунну дөөлөтү кеңири мейкиндикти ээлеп, улам жаңы элдерди өздөрүнө баш ийдирип турган шартта жана саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу хунну уруулары Түндүк Кытайдан тартып Теңир-Тоонун чордонуна чейин жайылган заманда хуннулардын жамыяты кандаш бир туугандардын жалпылыгы болгон уруулардан эмес, аймактык маанидеги жалпылыкты түзгөн уруулардан турган. Түмөн башылар төбөлдөрдүн уругунан чыкса да, аларга баш ийген журттар кийинчерээк ар кыл уруууруктардын жана хуннуларга жуурулган башка элдердин өкүлдөрүн да кеңири камтыган. Жүз башы, миң башы, түмөн башылар акырындап уруктун же уруунун жол башчысы эмес, аймактык, акимдик жана аскердик башкаруу чу болуп өзгөргөн.

Арийне, уруу-уруктук биримдиктин сырткы көрүнүшүн сактоого бийлөөчү төбөлдөр да, эски адатты сыйлоочу жөнөкөй көчмөндөр да умтулган.

Жерге (жайытка) болгон менчик. Хуннулардын ар бири «өзүнчө жер тилкесине ээ болуп, оттун жана суунун молдугуна ылайыктап бир орундан экинчисине журт которгон» делет тарыхый булакта. Арийне, жерге карата жеке менчик хунну дөөлөтүндө жана кийинки түрк-монгол көчмөн мамлекеттеринде болгон эмес.

Жерге карата жамыяттык (уруктук жана уруулук) менчик Модэ-шанүйдүн тушунан тартып терең сапаттык өзгөрүүгө учураган. Жер эми жалпы мамлекеттик менчикке айланган. Модэ-шанүйдүн «жер – мамлекеттин негизи» деген сөзү хуннулардын да, алардын тарыхый мураскери болгон борбордук азиялык көчмөн түрк элдеринин да жерге карата саясатынын символу боло алат.

Мамлекет башчысы катары шанүй өз өлкөсүнүн ар кыл аймактарын уулдарына, бир туугандарына жана башка өзүнө берилген жакындарына, таасирдүү уруулардын төбөлдөрүнө ыйгарган. Алар өз кезегинде жерлердин чаканыраак аймактарын кол астындагы төбөлдөргө бөлүп берген. Кийинкилери – өздөрүнөн төмөнкү тепкичтегилерге берген. Акыры карапайым көчмөндүн бүлөсүнө өзүнчө конуштар журт катары жайытты алмаштырып пайдалануу үчүн үлөштүрүлгөн. Экстенсивдүү мал чарбасынын бул жайыт пайдалануу системасы кылымдарды карытып сакталып келди.

Хуннулар жана мыйзам. Байыркы хуннулардын коом дук жашоо эрежелери эски доорлордон укум-тукумга өткөн адатка негизделген. Кытайлыктар үчүн: «Алардын мыйзамдары жеңил жана оңой-олтоң аткарылат»,– деп сезилген. Кылмыштардын негизгилери өлүм жазасы менен жазаланган. Чакан кылмыштар үчүн бетке так калтырылган. Уурулугу айгинеленген адамдын үй-бүлөсү да жазаланып, мүлкү тартып алынган. Сот жообуна тартылгандардын тагдыры он күндүн ичинде чечилген.

Шанүйдүн бийлиги күчөгөн доордо жалпы мамлекеттик кызыкчылык үчүн да жазалоо эрежелери пайда болгон. Маселен, аскердик тартипти бузгандар, өзүнүн аскердик милдетин өтөөдөн кечиккендер, хунну мамлекетинин таламына каршы иш жасагандар өлүм жазасына дуушарланган.

Диний ишенимдер. Хуннулар башка байыркы түрк уруу лары сыяктуу эле көк асманга сыйынган. Көктү туюнткан «теңри» сөзү хуннулар доорунан мурасталган (Эки дарыя аралыгында байыркы шумерлер да б. з. ч. IV–III миң жылдыктарда көктү «дингир» деп атаганы маалым). Теңир – бир эле учурда көктү да, анын рухункожоюнун да туюнткан. Теңир адамдын тагдырына гана эмес, жалпы эле мамлекеттин тагдырына кийлигише алат, кут да берет, жазалай да алат,– деп түшүнүшкөн. Ошол доордон кыргыз тилине «Теңир жалгасын» деген сөз келип жеткенин билебиз.

Жалпысынан, хуннулар Теңирден кийинки орунда турган башка кудайларга – асман жаркырагы болгон Күнгө, Айга, жылдыздарга, ошондой эле жашоо негизи болгон Жерге, ата-бабаларынын арбактарына сыйынышкан. Хунну төбөлдөрүнүн жалпы курултайы учурунда кудайларга курмандыктар чалынган. Шанүй да ар күн сайын Күнгө жана Айга табынып турган. Хуннулар тиги дүйнөнүн бар экендигине да ишенишкен.

Үй-бүлө мамилелери. Хуннуларда үй-бүлөнүн кожоюну – эркек адам болуп, бүлө патриархалдык мүнөздө эле. Аялы үчүн күйөөнүн, балдары үчүн атанын сөзү заң болгон. Түмөн-шанүйдүн мисалында бардар адамдар жана төбөлдөр эки (же андан көп) аял алганга акылуу болгондугун билебиз. Шанүйдүн мурасчысы катары адатта анын уулдарынын улуусу дайындалганын тарыхый булактардан белгилүү.

Улуу агасы өлсө жесир калган жеңесин кайниси алуу салт болгон. Хунну жигити никелешкенде өз уруусунан башкага таандык гана кызга үйлөнүүгө тийиш эле (экзогамия). Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кылмыш кылса, башкалары да чогуу жаза тарткан.

Хунну доорунун үй-бүлө мамилелери, коомдук турмуштун башка бир катар көрүнүштөрүндөй эле, кийинки түрк элдеринин коомдук тарыхына из калтырган.

Улуу хунну дөөлөтү жана коңшулары (б.з.ч. II к.)

Модэ-шанүй жана хань императору Гао-цзу. Чыгыш, батыш, түндүгүндөгү көчмөн элдерди каратып же сүрүп салууга жетишкен соң, хуннулардын дөөлөтүнүн негиздөөчүсү Модэ-шанүй колун курап, түндүк жакка багыт алды. Көчмөндөр отурукташкан аймактар менен эришаркак чарба жүргүзүүгө дайыма умтулушкан. Кээде бул максатты аскердик күч колдонуу менен, б. а., баскынчылык жортуул аркылуу ишке ашырууга аракеттенишкен. Кытайдын жибеги, эгини, зергердик жасалгалары хунну төбөлдөрү үчүн мурдатан эле алардын ышкысын пайда кылган товарлар эле.

Хань сулалесинин негиздөөчүсү Лю Бан (императордук титулу – Гао-цзу) б. з. ч. 202-ж. жаңыдан ички согушта жеңип чыгып, Кытай кайрадан бирдиктүү дөөлөткө айланганда хуннулардын түндүктөн басып кириши кытайлыктарды оор абалга кептеди.

Хуннулар Ман чебин каратышты. Чептин башкаруучусу Хань Синь колго түшүп берди. Модэ-шанүйдүн колу андан ары илгерилеп, Шаньси вилайетинин маанилүү шаары Цзиньянга чейин чек арадан ичкери 250 чакырымга сүңгүдү (б.з.ч. 200-ж. кыш маалы эле).

Модэ-шанүй айлакердик менен кытай кошуунунун алдыңкы бөлүгүн талкалоону чечти. Ал эми кытайлык армиянын башында аскердик тажрыйбасы унутула элек император Гао-цзунун өзү турган эле.

Байдэн буктурмасы. Шаньси вилайетиндеги Пинчэн шаарынын жанында Байдэн тоосу бар эле. Модэ-шанүй дал ушул тоонун жанына чегинимиш болуп келип, кытайлык аскерлердин тандалмалуу бөлүгүн император Гао-цзу менен кошо буктурмага такады. Гао-цзу жана анын колу жети күн бою азык-түлүксүз камалып турду.

Бул оор жагдайды жымсалдоо үчүн кытайлык ак сарай тарыхчылары кийинчерээк уламыш чыгарышкан: Гаоцзу өзүнүн чабарманы аркылуу Модэ-шанүйдүн аялына белек жана кытайлык сулуу кыздын сүрөтүн тымызын жеткиртет. Бул кытай кызына шанүй үйлөнүп алат,– деп чочулаган каныша андан соң Модэ-шанүйдү өз жоосун камалоону токтотууга көндүргөн имиш.

Чынында саясий жеңиш үчүн өз атасынын жанын кыюудан баш тартпаган хуннулардын каардуу өкүмдары башка негизги себептен – курчоодо калган душмандарына жардамга келүүчү аскерлерге чамасы жетпей турганын сезгенден улам Байдэн буктурмасын ачып берген эле.

«Тынчтык менен тууганчылыкка негизделген келишим». Гао-цзу өзүн чоң намыска жыккан бул камалоодон кутулган соң, хуннулардын экономикалык талаптары аткарылган келишимди түзүүгө аргасыз болду. Бир катар сүйлөшүүлөрдөн соң б. з. ч. 198-ж. эки өлкөнүн ортосунда «тынчтык менен тууганчылыкка негизделген келишим» («хэ цинь юэ») деп аталып, ага кол коюлду. Алтымыш жылдай өз күчүн сактаган бул келишим иш жүзүндө хунну мамлекетине Хань сулалесин көз каранды кылып койгон.

Келишимге ылайык Хань сулалесинин бек бийкелеринин бири Модэ-шанүйгө токол болмок жана жыл са йын хунну көчмөндөрүнө жибек жана башка кездемелер, шарап, күрүч жана башка азык түрлөрү жиберилип турмак.

Гао-цзуга (Лю Банга) анын мартабалуу бир кызматчысы Лю Цзинь императордун байбичесинен (башкы аялынан) көргөн улуу кызын Модэ-шанүйгө берүүнү сунуш кылып: «Модэ тирүү кезинде, албетте, сиздин күйөө балаңыз болот. Качан гана ал өлгөн кезде, сиздин кызыңыздын уулу шанүй болуп калат. Дегинкиси, жээни өз таятасына тең ата чыккан учур болду беле? Ошентип эч кандай согушу жок эле хуннуларды акырындап малай кылып алууга жол табылат»,– деп айтат.

Бул ойго көнүп, бирок Гао-цзу өз кызынын ордуна карапайым үй-бүлөдөн бир кызды жөнөтүп жиберди. Арийне, жыл сайын хуннуларга Кытайдан жөнөтүлүп турган белек-бечкек чындыгында Хань сулалеси үчүн бир кыйла оор алык-салыктын жымсалданган түрү эле.

Гао-цзу өлгөндөн үч жылдан кийин, б. з. ч. 192-ж. Модэ-шанүй хань императорунун жесири Люйхоунун өзүнө никелешүүсүн сурап, орой кат жиберген. Каныша өз өлкөсү үчүн согуштун эч керексиздигин түшүнүп, бул шылдыңга чыдаган жана алык-салыкты мурдагыдай төлөө менен бирге Модэ-шанүйгө императордук эки мыкты арабаны жана ага чегилүүчү сегиз атты белек кылган.

Б. з. ч. 166–162-жж. гана хуннулар тарабынан убактылуу бузулган «тынчтык менен тууганчылыкка негизделген келишим» биринчи жолу бүткүл кытайлык ири империянын тизесин түндүк коңшусуна бүктүргөн, бирок келишим тартуулаган тынчтык заманы эки тарап үчүн тең өзгөчө пайдалуу болгон.

Йүэчжилер менен согуш. Модэ-шанүй өзүнүн батышындагы атаандашы йүэчжилердин мамлекетин ойрондоону максат кылды. Оболу хуннулар өзүнүн түндүк-батышындагы усундарды басып алган. Усундардын бийлик эгеси өлтүрүлгөн. Анын уулун Модэ-шанүй өзүнүн ордосуна алдырып, тарбиялаган. Хуннулар усундарды таламакей алдында калтырган жок. Тескерисинче, аларга дурус мамиле кылуу менен йүэчжилерге каршы пайдаланууну көздөдү. Усундардын алиги канзаадасына «гуньмо» (күнбий) титулун ыйгарып, өз элине бийлөөчү кылып койду. Хуннуларга көз каранды (вассал) болгон усундар йүэчжилерге каршы саясат жүргүздү.

Кытайдын Хань сулалеси алык-салык төлөп моюн сунуп калган соң, Модэ-шанүй хуннулардын батыштагы бир катар жерлерин дагы эле ээлеп турган йүэчжилерге карай колун баштады. Көп жылдарга созулган бул уруштун этегине жетпей, Улуу Хунну мамлекетин негиздеген Модэ-шанүй б. з. ч. 174-ж. каза болгон.

Анын ордуна уулу Гийүй тактыга отуруп, «Лаошаньшанүй» ысымын алган (б. з. ч. 174–161-жж. бийлеген). Лаошань-шанүйдүн эң негизги милдети – батыштагы согушту ийгиликтүү аяктоо эле.

Йүэчжилердин чакан тобу бөлүнүп, «кичи йүэчжи» деп аталып калган жана Наньшандын аймагында (Цайдам өрөөнү менен Алашань чөлүнүн ортосундагы тоо кыркасы) кала берген. «Чоң йүэчжилер» болсо кармашуусун уланткан.

Йүэчжилердин батышка журт которуусу. Лаошаньшанүй атасы сыяктуу эле эр жүрөк жана кол башчылык таланты бар өкүмдар болгон. Ганьсу жана ага жамаатташ аймактардагы йүэчжилерди батышка сүрүүнү улантып, Лаошань-шанүй уруштардын биринде йүэчжилердин бийлик эгеси Кидолуну жеңген. Бул чечүүчү уруш б. з. ч. 174–165-жылдардын аралыгында болгон. Урушта Кидолу курман болгон жана анын баш сөөгүн Лаошань-шанүй ичимдик, суюктук үчүн идиш кылып алган.

«Чоң йүэчжилердин» калган-катканы Чыгыш Түркстанга которулуп, андан соң батышты көздөй журт которууга аргасыз болушкан. Чыгыш Түркстан менен ЖетиСуудан аларды усундар сүрүп чыгарган.

Б. з. ч. II к. ортосунда йүэчжилер Кидолунун мураскеринин башчылыгы астында Сыр дарыяны кечип, Аму дарыянын өрөөнүнө жеткен. Б. з. ч. 129-ж. алар ГрекБактрия падышалыгын толук талкалап, өздөрүнүн мамлекети – Кушанды негиздеген (алгач Бактрия аймагын, б. а., азыркы Ооганстанды жана ага чектеш Өзбекстан менен Түркмөнстандын түштүк аймактарын өзүнө камтыган бул мамлекет кийинчерээк Түндүк-Батыш Индияга чейин кеңейген).

Кытай тилинде «йүэчжи» аталган хуннулардын батыш коңшусу болгон бул эл өздөрүн «тохар» деп аташкандыгы, тохарлар индоевропалык тилде сүйлөгөн элдердин эң чыгышка – Түндүк Кытайга чейин жетип, кайра батышка сүрүлгөн өкүлү экендиги далилденди. (Л. Н. Гумилёв йүэчжилерди «согду» деп эсептеген). Тарыхый Бактрия аймагы (Ооганстандын түндүгү жана Орто Азиянын ага чектеш түндүк аймагы) б. з. ч. II кылымдын акырынан тартып «Тохаристан» деп аталып калган.

Хань сулалесинин баш көтөрүшү. Жарым кылымдан ашуун хуннуларга салык төлөп турган Хань сулалеси б.з.ч. II кылымдын ортосунан тартып өлкөнүн ички сепаратисттик күчтөрүн жеңип, чыңдала баштады. Император Цзин-ди (б. з. ч. 157–141-жж. бийлеген) атайын үйүр-үйүр жылкыларды өстүрүп, мамлекеттик жайыт жерлерин кеңейтип, оор куралданган атчандардын кошуунун түзүү үчүн даярдык көргөн. Өз кошуунун даярдоодо кытайлыктар хуннулардын тажрыйбасын пайдаланууга умтулушкан. Чакан вилайеттердин бийлөөчүл өрүнүн өз алдынча кошуун түзүшүнө Цзин-ди тыюу салган.

Хань сулалесинин өзгөчө гүлдөп өскөн доору б. з. ч. 140–87-жж. тактыда отурган ары таланттуу реформатор, ары алысты көргөн саясатчы император У-динин (Ву-ти) тушуна таандык. Ал кайрадан күчтүү, борбордошкон империялык бийликти калыбына келтирген. Конфуцийдин окуусу мамлекеттик идеология катары жарыяланган. Бирок конфуцийчилердин чет жерди басып алууга каршы жобосу У-дини ынандырган эмес. Ал улам жаңы жерге тез которула алган атчандар кошуунун хуннулардын үлгүсүндө даярдоо ишин аяктап, жарым-жартылай көз карандылыктан өз өлкөсүн бошотууга ашыккан.

Чжан Цяндын элчилик иш-аракети жана алгачкы саякаты. Хань сулалесинин императору У-ди «варварларды башка варварлардын колу менен жеңүү» (и и чжи и) деген усулду пайдаланууну көздөп, хуннулардан башында белгисиз жакка сүрүлүп калган йүэчжилерди табууну, алар менен хуннуларга каршы согуштук ынтымак курууну болжоду. Ак сарайдагы кароолдун офицери Чжан Цянь үчүн жүз адам бөлүнүп берилди да, Чжан Цянь алыскы коркунучтуу сапарга аттанды.

Буга чейин кытайлыктар Чыгыш Түркстандан батыш тараптагы аймактар тууралуу дээрлик түшүнүгү жок эле. Айтмакчы, Чжан Цяндын шериги, алмашкыс жардамчысы, котормочусу жана жол көрсөтүүчүсү катары теги хунну болгон Таны аттуу адам кызмат кылган.

Б. з. ч. 138-ж. Чжан Цянь Кытайдын баш калаасынан түндүк-батышка сапар тартты. Наньшань тоолорунан түндүккө өтүп эле бул тымызын элчи хуннулардын колуна түшүп калды. Үчүнчү улуу шанүй Гүнчэн (б. з. ч. 161 – 126-жж. бийлеген) туткундарга ырайым кылып, ал түгүл Чжан Цянь ак сөөк хунну кызына үйлөнүп, уулдуу болгон. Он жылга жакын ал хуннулар жана алардын коңшулары тууралуу маалыматтарды чогултуп, бул элдердин жер шарттарын үйрөнгөн.

Б. з. ч. 128-ж. ал аялын, уулун, досу Таныны кошуп алып качып жөнөйт да, усундардын өлкөсүнө келет. Ысык-Көлдөгү усундардын баш калаасы Чигуну көрөт.

Нарын аркылуу Чыгыш Ферганадагы Давань мамлекетине, андан соң Сыр дарыянын ортоңку агымындагы Каңгүй мамлекетине жетет. Акыры Заравшан дарыясынын өрөөнүнө келип, йүэчжилердин (тохарлардын) ордосуна жетет. Бул учурда тохарлар Бактрияны басып алып, Түндүк Ооганстанга чейинки аймакты ээлеп жаткан эле. Арийне, йүэчжинин бийлик эгеси хуннулардан өч алуу ну ойлоп да койбоду, кытайлыктар менен согуштук ынтымакты түзүүдөн баш тартты.

Чжан Цянь б. з. ч. 127-ж. кайра Памир, Алай тоолору, Тарим өрөөнү, Лобнор көлү аркылуу келип, хуннуларга тутулуп калат. Б. з. ч. 126-ж. гана ал Кытайга үй-бүлөсү жана досу Таны менен кайтып келген.

Анын элчилик мүдөөсү саясий жагынан ойрон болсо да, илимий-географиялык жана соода-экономикалык жактан Чжан Цяндын саякаты Кытай үчүн чоң ачылыш болгон. Кытайдан ал Чыгыш Түркстанга жана Орто Азияга, бул аймактар аркылуу Индияга жол ачкан. Индияга андан да кыска жол бар экендигин биринчи жолу айгинелеген. Алгачкы саякаты учурунда ал 25 миң ли (б. а., 15 миң км) жолду басып өткөн.

Чжан Цяндын саякаты ар кандай согуштарга карабай буга чейин эле акырындан калыптана баштаган Чыгыш менен Батышты чарбалык жана маданий нукта туташтырган жолго – «Улуу Жибек жолуна» туруктуу өмүр берген.

Келишимдин бузулушу. «Тынчтык жана тууганчылыкка негизделген келишимди» б. з. ч. II кылымдын алгачкы жарымында, негизинен «теңир куту шанүй» Модэ, Лаошань жана Гүнчэн өздөрү бузуп турар эле. Император У-ди да тактыга келген алгачкы жылдары бул келишимге тийише албады.

Б. з. ч. 133-ж. кытайлыктар хуннуларды Ман шаарына кол салууга тыңчылары аркылуу көкүтүштү. Бул шаар дын жанында 100 миң найзалуу хунну кошуунуна каршы 300 миң аскерин даярдап кытай кол башчылары бугуп турду. Бирок кытайлык кол башчылардын бирин аңдоостон тутуп, Гүнчэн-шанүйгө алып келишти да, кытайлыктардын сыры белгилүү болуп калды.

Келишимди бузууга батынып бети ачылып калган менен У-ди дароо эле жүрүшкө чыга койбоду. Буга б. з. ч. 131 -ж. табигый кырсык – Хуанхэнин өз нугун өзгөртүшү жолтоо болду.

Б. з. ч. 129-жылы У-ди кытайлык соодагерлерге хуннулар үчүн сыртка товар чыгарууга тыюу салды жана атчандардын төрт түмөнүн (I түмөндө 10 миң аскер болгон) өзүнүн ушул буйругун аткаруу үчүн жиберди. Бул кошуундардын бирин жетектеген кол башчы Вэй Цин гана өз жүрүшүн ийгиликтүү аяктаган. Ушул кезден тартып кытайлыктардын согуштук саясаты хуннулар менен мамилелери үчүн туруктуу мүнөзгө ээ боло баштады.

Арийне, Гүнчэн-шанүй (Цзюньчэнь) өлгөнгө чейин (б.з. ч. 126-ж. кыш маалы) хуннулар өз жемин жедирген эмес. Б.з.ч. 128-ж. Яймынь аймагына (Пекиндин батышына) чейин кирип барып, 3 миң адамды туткундап кайтышкан. Кытай кол башчысы Вэй Цин Ордосту басып алганда, чыгыш жагында хуннулар Улуу Кытай дубалынын чыгыш бөлүгүн ээлөөгө жетишкен.

Ичисе-шанүйдүн такка отурушу. Айтылуу Модэ-шанүйдүн небереси Гүнчэн-шанүй өлгөн соң хуннулардын ордосунда такты талашуу жүрдү. Сол канат (чыгыш) лули-ван болгон Ичисе (Ичисйе) өзүн өзү «шанүй» жарыялаган. Гүнчэндин уулу Үй-би (Юйби) Кытайга баш пааналап качып барып, чет жерде өлгөн.

Ичисе тез эле ордо биримдигин калыбына келтирип, ал түгүл б. з. ч. 126-ж. Кытайдын түндүк-чыгышына чапкын жасаган. Хуннулардын дагы бир беги батышта Ордос аймагына жүрүш жасап, жаңы курулган Шофан чебин кыйратып кайткан. Арийне, өтө кеңири аймакты ээлеген хуннулардын саясий борбордошкон бийлиги тактыны күч менен алган Ичисенин тушунда алсырай баштады. Күчтөнгөн Хань дөөлөтү да хунну биримдигин бузууга сырткы өбөлгө болуп турган.

Согуштун хунну жерине көчүшү. Аскердик тыңчы жана атактуу саякатчы Чжан Цяндын аман-эсен Хань сулалесинин сарайына кайтып келиши кытайлык император У-динин тышкы саясатын реалдуу нукта жүргүзүүсүнө түрткү болду. Азырынча Кытай өз күчүнө гана ишенүүгө аргасыз эле.

У-ди атчандардын жеңил куралданып, гүлазыгын жанына ала жүргөн жаңы кошуундарын түзүү тактикасына өттү. Б.з. ч. 124-ж. айтылуу кол башчы Вэй Цин жетектеген 100 миң аскерден турган кошуун Ордостон чыгып, хуннулардын батыш канатына кол салды. Хуннулардын чжуки-беги араң качып үлгүрүп, 15 миңдей адамы кытайларга туткундалган. Кытайлыктардын ийгиликтүү жортуулдарынын бирине катышып, өз салымын кошкон саякатчы Чжан Цянь жогорку мартабалуу чинди алган.

Арийне, б. з. ч. 124-ж. күзүндө жана 123-ж. хуннулар кайрадан жүрүшкө чыгып, чакан да болсо ийгиликке жетишип турду. Кытайлык кошуундардын ийгиликсиз аяктаган бир жүрүшүнөн соң саякатчы Чжан Цянь күнөөлөнүп, өлүм жазасына өкүм кылынган, бирок кайра тирүү калтырылып, бардык даражасынан ажыратылган.

Жалпысынан айтканда, б. з. ч. 124–123-жылдардан тартып хуннулар менен кытайлыктардын ортосунда алоологон согуш оту хуннулардын мекенине (азыркы монгол талааларына) көчкөн.

Кытайга качкан бек. Б. з.ч. 121-ж. хуннулардын батыш тараптагы журттарын бийлеген Хунье жана Сүчү деген эки бек жүрүш маалында жеңилип, он миңдеген адамдары өлүп же олжо кул болуп кетти. Ичисе-шанүй каарданып, жазалоо үчүн аларды өзүнө чакырды. Бул эки бек бийлеген жер Ганьсунун талаалык өткөөлүндө (коридорунда) эле.

Куру бекер жазадан жалтайлаган эки бек Хань сулалеси тарапка өтүп кетүүнү чечти. Кайра айнып калган Сүчүнү өлтүрүп, анын улуу уулун туткундап алып, бек Хунье кытайлыктарга өтүп кетти. Өз жанын сактай же ыктыяры менен Хань дөөлөтү тарапка ооп кеткен хунну бектери жана кол башчылары кийин да өз элинин саясий тарыхында кайгылуу из калтырышкан. Ал эми Сүчүнүн улуу уулу Цзинь Миди (б. з. ч. 134–86-жж. жашаган) атбагар кул болуп жүрүп, У-динин көзүнө чалдыккан жана анын сарай кызматына алынган. У-динин керээзи боюнча ал башка берилген адамдар менен бирге балагат жашындагы император Чжао-диге жардам берип, мамлекеттик кеңсени (канцелярияны) башкарган. Өз тегине жана өлкөсүнө эмес, кытайлык дөөлөткө кызмат кылып кеткен мындай адамдар көбөйө берген.

Ошондой эле өз ыктыяры же атайын тапшырма менен хуннулардын аймагына өтүп, дыйканчылык кылып, хуннулардын арасында отурукташкан турмуштун өрнөгүн көрсөткөн кытайлыктар да болгон.

Кош жортуул. 100 миң атчан аскерди жана 140 миң аргымакты даярдатып, б. з. ч. 119-ж. У-ди эки кошуунду хуннулардын ичкерки аймагына жиберди. Бир кошуунду Вэй Цин жетектеп, Гоби чөлүнүн түндүгүнө келди. Ордосун түндүккө көчүрүп жиберүүгө үлгүргөн Ичисе-шанүй өз колу менен кечке чейин кытайлыктарга каршы жана лы калбай салгылашты. Чөлдүн кечки кумдуу шамалы хуннулардын жаа менен атуусун кыйындатты. Уруш кылыч менен найзага көчтү. Түн жамынып хуннулар чегинишкен менен кандуу салгылашуу алардын 19 миң жоокерин кемиткен.

Вэй Цин сөз жүзүндө жеңишке жетишкен менен кытай кошууну 100 миң аргымагынан айрылганы тууралуу маалымат ойлондурбай койбойт. Чынында анын кошууну өлкөсү үчүн өзгөчө оор жоготууга дуушар болгон эле.

Кытайлык экинчи кошуунду Хо Цүй-бин деген кол башчы жетектеп, хуннулардын чыгыштагы канатынын чжуки-бегин талкалап, 70 миңдей адамды туткундаган. Бул жүрүштүн натыйжасында кытайлыктар хуннуларды Иньшандан Халханы (Түндүк Монголияны) көздөй сүрүп салышкан.

90 миң жоокеринен ажыраган хуннулар менен жүрүштү узартууга чамасы калбай калган кытайлыктардын ортосу эми Гоби чөлү болуп калды. Кытайлыктар өз армиясын түндүк-чыгышка – Түндүк Вьетнамга (б. з. ч. 113-ж.), түндүк-батышка – тибет урууларына (б. з. ч. 111–107-жж.), түндүк-чыгышка – корейлердин Чосан мамлекетине (б. з.

ч. 109–108-жж.) каршы багыттап, хуннулар күч топтошу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Чжан Цяндын акыркы элчилиги. Кытай императору У-ди мурдагы мартабалуу чиндеринен ажыратылган Чжан Цянды баары бир өзүнө чакырып, батыш өлкөлөрү тууралуу сурап турар эле,– деп жазышат тарыхчылар Сыма Цянь жана Бань Гу. Чжан Цянь ушундай маектин биринде усундар жөнүндө кеп салып, бир кезде хуннулардын алдында багыныңкы болгон бул элди Кытай менен согуштук ынтымакка чакырууга кеңеш берди. «Эгерде бул иш оңунан чыкса, анда хуннулар өзүнүн оң колунан ажырагандай болор эле. Анын үстүнө, усундардын батышындагы өлкөлөр, анын ичинде Дася (Бактрия) өлкөсү, ак сарайыбызга келип, империянын сырткы букараларынан болот эле», – деди Чжан Цянь.

Бул кеңешке муюп, У-ди ага 300 адамдан турган аскер тобун жана абдан көп белек-бечкектерди унаага жүктөп берип, сапарга аткарды. Чжан Цянь усундардын баш калаасы Чигуга чейин (Ысык-Көл) жетип, андан батыштагы өлкөлөргө – Парфияга (Аньси) жана Индияга (Шеньду) өзүнүн ишенимдүү өкүлдөрүн жиберген. Усундар менен хуннуларга каршы ынтымак түзүү тууралуу макулдашып алып, б. з. ч. 115-жылы Чжан Цянь Кытайга кайтып келген жана бир жылдан соң дүйнөдөн кайткан.

Кылымдын жыйынтыгы. Б. з. ч. II кылым хунну этносунун бүткүл Борбордук Азиянын жана ага чектеш даркан талаалуу ири аймактын бийлөөчүсү катары жаркын тарых барактарынын күбөсү болду. Бул кылымдын алгачкы алтымыштай жылы көчмөндөр цивилизациясынын чордонуна айланган Хунну дөөлөтүнө Кытайдын бирдиктүү Хань сулалеси да баш ийип, салык төлөп, милдеттүү түрдө бек бийкелерин жиберип турган. Көчмөн мамлекеттүүлүгүнүн негиздери терең өнүгүүгө ээ болгон.

Хунну дөөлөтү гүлдөп-өсүп турган чакта хуннуларга тектеш кыргыз, динлин, усун сыяктуу уруулар да бул мамлекеттин курамына кирип, саясий башкаруунун тажрыйбасын алышкан. Алардын өз ара тилдик, диний, этномаданий алакалары күчөп, бул элдердин кийинки жалпы тарыхый окшоштуктары үчүн олуттуу башат ачылган.

Арийне, өзгөчө кең мейкиндикти басып алуу, жергиликтүү бектердин өз алдынчалыгынын күчөшү, усундар сыяктуу мурдагы ынтымакташтарынын четтеши, тынымсыз согуш аракеттери, төбөлдөрдүн ич ара жаңжалдарынын орун алышы бирдиктүү Хунну дөөлөтүнүн келечегине терс таасирин тийгизген.

Кытайда бийликке реформаторлордун келиши, У-динин ички чарбалык, социалдык, саясий өзгөрүүлөргө таянып, аскердик реформа жүргүзүшү хуннулар үчүн сырткы коркунучту туудурган. Дал ушул кылымдын акыркы чейрегинде согуш аракеттери хуннулардын мекенине көчкөн.

Хуннулар үчүн сепаратисттик бөлүп-жаруучулук саясаттын келечеги гана эмес, улуттук мамлекетти сактап калуу үчүн күрөшүүнүн зарылчылыгы да күтүп турду.

Б. з. ч. II кылым, ошону менен бирге көчмөндөр цивилизациясынын отурукташкан калктар менен тыгыз алакасынын, хуннулардын жана Хунну дөөлөтүндө камтылган элдердин маданий өнүгүүсүнүн да күбөсү болду.

Сактар

«Сак» аталышы. Кыргызстандын жана ага чектеш аймактардын б. з. ч. III кылымга чейинки негизги калкы сактардын чыгыш бутагы болгон. Байыркы перстердин падышасы Дарий I (б. з. ч. 522–486-жж. бийлеген) аска беттеринде калтырган жазмаларда орто азиялык калк жалпысынан «сак» деп берилген.

«Сак» этнониминин түпкү мааниси жөнүндө талаш пикирлер көп. Бирлери индоирандык диалектилерге таянуу менен «сак» этноними «ит» же «бугу» деп түшүндүрүлөрүн болжолдосо, айрымдар түрк, монгол сыяктуу тилдерге таянуу менен, «чач» деген маанини ушул этноним туюнтканын боолголошкон.

Дарий I отурган байыркы Иран байтактысы Персеполдун жанындагы Накш-и Рустем («Үрүстөмдүн Оймочиймеси») капчыгайындагы бейит бетиндеги жазмада сактардын үч башка түрү эскерилген. Алар «сака-тйаийпарадрайа» – «деңиздин (дарыянын) өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» – «хаумду кадырлоочу сактар» (б. а., «хаум» деп аталган чекенде дары өсүмдүгүнүн ширесин диний жөрөлгөдө пайдалануучулар) жана «сака-тиграхауда» – «чуштугуй калпакчан сактар» деп бөлүнгөн. Мында «сака» сөзүнө кошулган сыпаттоолор перстердин өзүнө таандык. Бул уруулар өздөрүн өзү кандай атагандыгы тууралуу маселе толук чечиле элек.

Иранга баш ийбеген сактар. Байыркы Ирандагы Ахеменийлер сулалесинин эң кудуреттүү падышасы Дарий I айтылуу Бехистун аскасында өзү тууралуу: «Мен – Дарий, улуу падыша, падышалардын падышасы, Персиянын падышасы, өлкөлөрдүн падышасы…» – деп жазып, өзү багындырган өлкөлөрдүн ичинде «сака» этнонимин да эскерген. Ушул жазманын бешинчи устунунда Дарий I чуштугуй калпактуу сактарды багындырып, жол башчысы Скунханы туткунга алганын жазат.

Арийне, тиграхауда сактарынын бардыгын тең Дарий I каратып ала алган эмес. Түздөн-түз Сыр дарыянын ортоңку агымына жакын жашаган чуштугуй калпактуу сактар гана Иранга убактылуу багынган.

Тиграхауда сактары жалаң гана Сыр дарыянын ортоңку агымын ээлебестен, алардын жери Согду өлкөсүнөн (азыркы Самарканд аймагынан) түндүк-чыгышка созулуп кеткен.

Хаумаварга сактары болсо Памир-Алайдан Индиянын түндүк-батышына чейин жердеген пикир бар. Аларды Иранга Кир экинчи деген падыша б. з, ч. 545–539-ж.ж.

аралыгында каратканы маалым (б. з. ч. 530-ж. өлгөн).

Тиграхауда сактарынын Түндүк Кыргызстан, Жети-Суу аймактарында жашаган урууларынын мекенине ирандык аскерлер караандаган да эмес.

Сактардын тили. Жалпысынан сактар индоирандык тилдердин түндүк-чыгыш диалектисинде сүйлөшкөн. Алар б. з. ч. II миң жылдыкта андронов археологиялык маданиятын түзгөн уруулардын урпактарынын бири эле.

Сактардын ата-теги арий (арйа) урууларына барып такалары тууралуу илимий божомолдор бар. Орто Азия жана Иранда б. з. ч. I миң жылдыктын башында, мындан 3 миң жыл илгери түзүлгөн зороастризм дининин ыйык китеби «Авеста» («Осуятт оо» же «мактоо» деп которулат) аталган аймактын арийлеринин тилинде жазылган. Ал азыркы фарсы, тажик тилдеринин эң байыркы башаты болуп саналат.

Арийлердин душманы катары эсептелген турлар Кангханын жанында (Сыр дарыянын ортоңку жана төмөнкү агымы тарапта) б. з. ч. II миң жылдыктын акырынан тартып эскерилет. Турлар тууралуу арийлердин ыйык диний чыгармасы «Авест ада» айтылган. Турлар да арийлер менен жалпы бир кудайга сыйынганы тууралуу «Авестанын» маалыматы кызык. Бирдей табигый шартта коңшулаш жашашкан эки эң байыркы элдин этномаданий алакалары тыгыз өнүгүп, ал түгүл бири-бирине окшош диний түшүнүктөрдү тутушу толук мыйзамченемдүү эле. Арийне, турлар жана алардын өлкөсү Туран тууралуу бир гана тараптын – алардын Арьян өлкөсүнүн жашоочулары – арийлердин гана бизге жеткен диний гимндеринде эскерилет.

Турлар тили боюнча арийлерден айырмаланган. Азыркы илимпоздордун айрымдары турларды индоевропалык тилдердин биринде сүйлөгөн жана андронов маданиятынын негиздөөчүлөрүнөн болгон дешсе, кай бирлери «тур» сөзүнөн «түрк» этнониминин эң байыркы изин көрөт жана прототүрк урууларынын орто азиялык бир уруу бирикмеси жайгашкан чөлкөм б. з. ч. II миң жылдыктан бери эле «Туран» аталган,– деп жыйынтыкташат.

Б. з. ч. I миң жылдыкта жашаган сактар да Орто Азияда жана Чыгыш Түркстандын ага чектеш бөлүктөрүндө көчүп-конуп жүргөн. Алардын түштүк жана батыш бөлүгү арийлердин түздөн-түз урпактары катары бааланат. Бул сактар жалаң индоирандык тилдерде жана диалектилерде сүйлөгөн деп бүтүм чыгарууга болот.

Арийне, байыркы перстер «сак» этнонимин жалпылаштыруучу этникалык аталыш катары пайдаланышкан. Демек, Иранга түндүк-чыгышы жактан коңшу турган алгачкы элдин атынан эле алардын аркасындагы башка элдерди да «сак» деп атап алышкан.

Бирок бул элдер өздөрүнө маалым сактардан да айырмаланышары белгилүү болгондо, өздөрүнө жакын сактарды – Аму дарыя сактарын «дарыянын аркы тарабындагы сактар» – «сака тйаий парадрайа» деп белгилешкен (айрым илимпоздор «Драйа» – «дарыя» сөзүн «Кара деңиз» катары божомолдоого да умтулушууда. «Согдунун аркасындагы сактар» – «Сака тйаий пара сугдам» деп ферганалык сактар айтылган деп божомолдонот. Ал эми эң түндүк-чыгышта жайгашкан элдерди «сака-тиграхауда» деп жалпылаштырып аташкан.

«Чуштугуй калпакчан сактар» деп аталган бул кийинки топ тилдик жактан ар кыл этникалык бөлүктөрдөн, алардын ичинде чыгыш индоиран диалектисинде да, прототүрк диалектисинде (түрк менен монголдун ата-тегине таандык тилде) да сүйлөшкөндөрү божомолдонууда. Бул уруулар өздөрүн кандайча атагандыгы эч бир булакта ишенимдүү дээрлик жазылып калбаган. Алар төбөсү бийик жана чуштугуй баш кийим кийгени үчүн батыш коңшулары тарабынан сырткы көрүнүшүнө карата шарттуу аталышка («тиграхауда») ээ болушкан.

Антропологиялык маалымат. Жазма эстеликтер үзүл- кесил гана кабар берген аймактардын элдеринин тарыхын калыбына келтирүүдө археологиялык казуулар учурунда табылып, илим чөйрөсүндө сыпатталган заттардын мааниси чоң. Ал эми эски көрүстөндөрдө табылган адам сөөктөрү антропология илиминде изилденет. Маркум сөөктөрүнүн расалык өзгөчөлүктөрү илим үчүн чоң натыйжаларды бериши мүмкүн.

Маселен, байыркы бир кылымда жашаган калк европасымак (европеоид) расага таандык болсо, ошол эле жерди жердеген бир нече кылымдан кийинки калктын сөөктөрү монголсымак (монголоид) расага тиешелүү чыкса, демек, бул аймакта мурдагы расага таандык калк сүрүлүп, жаңы келген расага таандык элдер жашап калгандыгы тууралуу бүтүм кылууга болот. Албетте, калктар расалык жактан өзгөрүшү – журт которуп кетүү менен гана чечилбейт. Дайыма адамзатынын узак замандык тарыхында расалар аралык байланыштар, өз ара жуурулушуулар болгон. Бүгүнкү Орто Азияда бир эле учурда европасымак жана монголсымак белгилери менен бири-биринен айырмаланган, бирок тектеш түрк тилдеринде сүйлөгөн калктар жашайт (түркмөндөр менен кыргыздарды салыштырууга болот).

В. П. Алексеев, Т. К. Ходжайов сыяктуу ири антрополог окумуштуулардын акыркы жыйынтыгы сактардын тарыхын чечмелөөгө жардам бере алат. Монголсымак типтеги адамдардын жүзү жайпагыраак келээри маалым. Б.з.ч. VII–III кылымдарда Орто Азиядагы калктын басымдуу бөлүгү европасымак жүзү айырмаланган. Алар көбүнчө отурукташкан дыйканчылык турмушта жашаган.

Ал эми негизинен, көчмөн мал чарбачылыгы үчүн ылайык талган Арал боюнда, Алай жана Теңир-Тоо аймагында, Зарафшан дарыясынын өрөөнүндө жашаган уруулар б.з.ч. VШ–III к. к. калтырган мүрзөлөрдө изилденген сөөктөр жайпак бети – монголсымак белгилери менен айырмаланган.

Расалык жактан мындай айырмалык орто азиялык калктардын ошол доордогу этностук да ар түрдүүлүгүн айгинелей алат. Демек, б. з. ч. I миң жылдыкта, ирандык ж. б. булактарда орто азиялыктар жалпылаштырылып «сак» деп аталганы менен, бул жердин калкы уруулук жана этностук жактан жок дегенде эле эки башка ири топко жиктелген. Алардын бири – чыгыш индоирандык экендиги талашсыз. Экинчилери – алардын чыгыш тараптан келип, Орто Азияга монгол сымак расалык белгини тараткан тарыхый коңшулары болгон.

Орто Азиянын түндүк-чыгыш жана чыгыш аймагын («тиграхауда сактары» делген уруулар жердеген аймакты) мекендеген бул калк түрктөрдүн байыркы ата-тегинин Борбордук Азия дан батышка оогон алгачкы бөлүктөрүнөн деп каралуусу мүмкүн.

Демек, илимде «тиграхауда сактары» деп ирандык байыркы жазма дарекке таянуу менен колдонулган сөздүн артында бизге белгисиз калган бир канча уруунун аталышы камтылып жатышы тууралуу түкшүмөлдөө кыйын эмес.

Байыркы грек маалыматтары. Орто азиялык сактар жана алардын ар кыл уруулары тууралуу байыркы гректердин тарых китептеринде ар кыл маалыматтар учурайт.

Маселен, «Грек тарыхынын атасы» деп даңазаланган Геродот (б. з. ч. V к.) Орто Азиянын батышын жердеген урууларды «массагет» деп атайт. Ирандык падыша Кир II б. з. ч. 530-ж. массагеттерге жасаган жортуул тууралуу, массагеттердин эр жүрөк канышасы Томиристин кантип туткунда өз жанын уулу Спаргапиф үчүн ирандык падышадан өч алгандыгы тууралуу саймедирлеп келип, Геродот: «Бул салгылашууну мен варварлар жүргүзгөн уруштардын эң кырчылдашкан үлгүсү деп эсептеймин»,– деп жазат.

«Тарыхтын үчүнчү китебинде Геродот Дарий падыша түзгөн онунчу чөлкөмдөгү калктын арасына ортокорибантийлерди (же «орсокорибантун» – «чуштугуй баш кийимдүүлөр», б. а. тиграхауда сактары) кошуп жазат. Ал эми он биринчи чөлкөмдө ал касп, павсик, пантимат, дарейт урууларынын болгонун айтат. Ортокорибантийлердин батышта – Каспийдин түштүк-батыш айланасында жана ага чектеш жайгашкан уруул ардын арасында эскерилиши Геродоттун жаңылыштыгы,– деп эсептелүүдө.

Геродот ошондой эле сак, хорасм, согд, арий, гиркан сыяк туу орто азиялык – түндүк ооганстандык урууларды эскерген. Андан тышкары – өзгөчө бир тилде сүйлөгөн, бирок скифтердикиндей кийинген, бийик тоонун этегинде жашаган аргиппей элин эскерет (айрымдары бул элди Урал аймагына жайгашкан дешсе, башкалары Алтай тоолорунда жашаган деп түкшүмөлдөөдө). Алардан чыгышта жашаган калкты Геродот «исседон» деп атаган. Исседондордун аялдары эркектер менен бирдей укукка ээ деген грек тарыхчысынын бүтүмү кызык. Азыркы тапта исседондорду Жети-Сууда, Чыгыш Казакстанда жашаган көчмөндөр катары баалаган пикирлер басымдуулук кылууда.

Геродот исседондорду скифтик уруу катары тааныган эмес. Демек, фантастикалык уламыштар менен аралаш берилсе да, байыркы грек тарыхчысынын эмгегинде аталып өткөн элдер Орто Азиянын түндүк жана түндүкчыгыш аймактарын ээлеген калктардын скифтерге (жана иран тилинде сүйлөөчү сактарга) жатпай тургандыгын далилдөөгө негизибиз бар.

Ушул эле эмгектен айтылуу Марафон салгылашуусунда перстер тарапта урушка кирген сактар өзгөчө эрдик көрсөтүшкөнүн билебиз. Геродот «Тарыхтын» жетинчи китебинде гректерге каршы салгылашкан сактардын (аларды «амиргийлик скифтер» деп да атайт) учтуу келген калпак, кеңири шым кийип, өзүнүн жаасы, кыска кылыч, кош миздүү айбалта менен куралданганын жазат. Баарынан кызыгы, гректер евразия лык көчмөндөрдү тилине, улутуна, расасына карабай «скиф» деп аташкан. Ушундай эле ирандык салтты Геродот да баамдайт: «Бул амиргийлик скифтерди «сактар» деп аташкан, анткени перст ер бардык эле скифтерди «сак» деп аташат эмеспи».

Геродоттун ж. б. грек авторлорунун маалымдоосуна таянуу менен Орто Азияны жана ага түндүк, чыгыш тарабынан чектеш аймактарды ар кыл элдер жердегени, алар салты, тили, чарбасы боюнча да айырмаланганы тууралуу бүтүмгө келебиз.

Александр Македондуктун чапкыны. Македониянын б.з.ч. 336-жылдан кийинки падышасы жааңгер Александр (аны мусулман Чыгышы кийинчерээк ал-Искандер Зулкарнайн – «Кош мүйүздүү Искандер» деп атыктырган; ал б. з. ч. 356–323-жж. жашаган) Кичи Азия менен Ортоңку Чыгышты басып алган соң, б. з. ч. 329-ж. Орто Азиянын топурагына кошуундары менен келген.

Грек-латын тарыхчылары жазгандай, Александр Маке дондук Сыр дарыянын Фергана өрөөнүндөгү агымына чейин келген жана азыркы Кожент менен Бекабад шаарларынын аралыгында «Александр Эсхата» («Четки Александрия») шаарын он жети күн ичинде курдурган. Македондук баскынчыга каршы Спитамен жетектеген согду көтөрүлүшчүлөрүнүн айыгышкан күрөшү жүргөн.

Кийинки айрым кыргыз уламыштарына караганда, грек аскерлери Түштүк Кыргызстанга чейин жетип, Арсланбап токоюнун жаңгак жыгачынын уругун алышып, кийин аны Грецияда өстүрүшкөн. Дүйнөгө ал «грек жаңгагы» деген ат менен тараган имиш. Бирок бул уламыш тарыхый чындыкка ылайык эмес. «Грек жаңгагы» Евразиянын ар кыл чөлкөмүндө өсөт.

Кыргызстанды жердеген көчмөн калктарды Александр Македондук басып алган эмес. Ал Орто Азиянын чордону жана Фергана өрөөнү менен гана чектелген.

Александр Македондуктун таланттуу кол башчысы Селевк б. з. ч. 312-ж. өзүнүн жаңы ири мамлекетин негиздеген (б. з. ч. 312–64-жж.). Селевк жана уулу Антиох I орто азиялык ар кыл чөлкөмдөргө бир катар грек-македондук шаарларды курдурушкан. Алардын эң чыгышында «Йаксарт (Сыр дарыя) артындагы Антиохия» деген шаар эле. Бул шаар азыркы Өзгөндүн жанында болгон деген пикир бар. Өзгөн аймагы чордон болгон Давань (Даюань) мамлекетинин жеринде Антиохия шаарынын курулушу кыска бир мөөнөттө чыгыш ферганалык калк Селевкийлерге көз каранды болгондугу тууралуу кабар берет.

Бул доордо (б.з.ч. IV к. акыры б.з.ч. III к. ) Түштүк Кыргызстандын калкы эллиндик маданият алакалары жүргөн кеңири алкактын эң түндүк-чыгыш бучкагын түзгөн. Алыскы Греция менен Кыргызстандын калктарынын бул доордогу тарыхый байланышы кийинчерээк Кытайдан Римге чейин созулган «Улуу Жибек жолунун» түзүлүшүнө өбөлгө болгон.

Сактардын коому. Б. з. ч. II кылымдын ортосуна чейин Кыргызстандын негизги калкын түзгөн чыгыш сактар уруулук аскердик демократиядан эрте феодалдык мамлекетке карай өткөөл мезгилде жашашкан.

Археологиялык казуулар учурунда эң бай табылгалары бар ири көрүстөндөр менен катар жупуну мүрзөлөрдүн болушу коомдун таптык жиктелүүсү тууралуу кабар берет.

Грек-латын булактары сак уруу бирикмелеринин жол башчыларын «падыша» катары белгилешет. Теңир-тоолук көчмөн сактардын жана аларга жамаатташ башка уруулардын коомунун аскердик мүнөзү тарыхый булактар аркылуу айгинеленет.

Сактар жана жылкычылык. Сак уруулары жылкы өстүрүүгө жана аргымактарды таптоого өзгөчө көңүл бурган. Грек тарыхчысы Ксенофонт (б. з. ч. 434–355-ж.ж.) Ахеменийлердин, б.а., перстердин падышасы бир жолу ар кыл элдердин өкүлдөрүнүн ат чабышын уюштурганын эскерген. Бир чакырымдык аралыктагы марага сактардын бир жигити өзгөчө суурулуп чыгып жеткен. Аргымагы үчүн перс падышасы жигитке бир падышалыкты сунуш кылганда, ал баш тартып, өз атымы каарман адамдарга алкыш сөзүнө гана берээрин билдирген.

Асыл тукум жылкыны өстүрүү салты Теңир-Тоо аймагында жана Чыгыш Ферганада кийинчерээк да улантылган (Давань мамлекети жөнүндөгү сабакта айтылат).

Жети-Суунун эзелки жазма маданияты. Б. з. ч. I миң жылдыкта сактар жана аларга тарыхый коңшу болгон калктар жергиликтүү жазма маданиятынын башатын негиздешкен. Орто Азиянын чордонунда жана батышында арамей, грек, түндүк-батыш индиялык кхарошти жана байыркы согду жазуул ары б. з. ч. I миң жылдыктын акыркы кылымдарында колдонулган.

Арийне, жазма маданиятынын изилдениши дагы эле соңуна чыга элек. Буга Жети-Суу аймагындагы сак дооруна таандык археологиялык ири ачылыш күбө. Казак археологу К. А. Акишевдин эмгеги менен азыркы Алматы шаарынан 50 чакырымдай чыгышта Эшик аттуу жерде көрүстөн казылып, анда башка табылгалардын арасында күмүш идиштин бетине чийилген жазуу табылган. Эки сапка түшүрүлгөн 26 тамга айтылуу Орхон-Энесай жазмалары сыяктуу (руна сымал) көрүнүшкө ээ. Азырынча ачкычы табылбай окулбай жаткан бул жазма «тиграхауда сактары» деп аталган калктардын жети-суулук мекени өз алдынча жазма маданияттын очогу болгондугун күбөлөндүрөт. Бул жазманын мурасчысы жана өнүк түрүүчүсү – түрк элдери экендиги эч талашсыз.

Сактардын журт которуусу. Хуннулардын улуу дөөлөтү күчөп турган чакта, б. з. ч. II кылымдын ичинде йүэчжилер алардан чегинип, Түндүк Кытайдын батыш аймагынан Чыгыш Түркстанга келген. Биерден усундардын кысымы менен андан ары Орто Азиянын түштүгүнө оогон үйэчжилер акыры Бактрияны жердеп калганы өткөн сабактардан маалым.

Хуннулардан өз алдынча болууга умтулган Чыгыш Түркс тандан Теңир-Тоонун чордонуна жылып, ЫсыкКөлдү өзүнө мекендеп калганда бул аймактардын жергиликтүү калкы – жети-суулук сактар б. з. ч. батышка – Орто Азия нын чордонуна карай журт которууга аргасыз болушкан. Арийне, сактардын калган-каткан бөлүктөрү усундарга жуурулуп, кийинки теңир-тоолук элдердин калыптанышына да тиешеси болгон.

Усун мамлекетинин негизделиши

Усундардын теги жана аты. Борбордук Азиянын жана Теңир-Тоонун аймагында б.з.ч. III–б.з. V кылымдарда өзгөчө тарыхый роль ойногон көчмөн элдердин бири – усундар эле.

Усундардын этникалык аталышы кытай булактары аркылуу гана бизге жетти. Айрым окумуштуулар бул этнонимдин эң байыркы формасы «асуэн» болушу ыктымал дешет. Ал түгүл рим тарыхчысы Помпей Трог (б.з.ч. I к.) скиф уруусу катары өз эмгегинде эскерген асиани (азхаш) этносуна усундарды жакындаткан пикирлер да бар. «Усун» термини «карганын урпактары» деп түшүнүк берчү кытайлык иероглифтер менен жазылганы кызык.

Кыргызстандык айрым илимпоздор «усун» терминин казак менен кыргыздын «үйсүн» уруусунун аталышы менен да жакындатышууда.

Антропологиялык жактан усундарды европасымак адамдардын расасына толугу менен киргизип эсептөөгө мүмкүн эмес. Усундар Теңир-Тоого Борбордук Азиядан монголсымак адамдардын белгилерин көбүрөөк ала келген жана европасымактар менен монголсымактардын белгилери айкалышкан элдердин бири болгон.

Тили жагынан усундарды индоевропалык тохар тилине тектеш деген пикирлер бар. Арийне, жапон окумуштуусу Сиратори Куракиги ж. б. көптөгөн түркологдор усундарды прототүрк урууларынын бири катары эсептешет.

Албетте, бир канча кылымдар йүэчжи (тохар), сак сыяктуу индоевропалык тилдерде сүйлөгөн калктар менен жанаша жашоо бул коңшуларынан бир канча саясий ж.б. сөздөрдү өздөштүрүүгө да усундар үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн. Усундар, жалпысынан, өз мамлекетине ар кыл элдердин өкүлдөрүн камтый алган.

Усундардын алгачкы Ата Журту. Б. з. ч. I миң жылдыкта б.з. I миң жылдыкта тарых барактарында аты эскерилген борбордук азиялык көчмөн элдердин өзүнүн бири түпкү журтунан козголбой кала албаган. Хуннулар да, йүэчжилер да, сактар да, кыргыздар да журт которушкан.

Ушундай эле тагдыр усундарга таандык эле.

Усундардын эң байыркы Ата Журту каерде болгондугун аныкташ кыйын. Бирок б. з. ч. III к. акырынан тартып алардын мекенин аныктоо үчүн кытайлык байыркы булактар бизге негиз берет.

«Усундардын бийлик эгеси «куньмо» (күн-бий) деп аталат. Анын атасы Наньдоумо чакан бир падышалыктын бийлик эгеси эле. Бул (падышалык) чоң йүэчжилер сыяктуу эле Циляньшань тоолору менен Дуньхуандын ортосунда жайгашкан», – дейт Бань Гу. Ал эми андан бир кылымдай эрте жашаган Сыма Цянь болсо усундардын бул чакан падышалыгы хуннулардын батыш чектери тарапта орун алганын жазган.

Циляньшань тоосу Ганьсу вилайетинин батышы тарапта жайгашкан.

Усундар б. з. ч. VI–III кылымдардын аралыгында Ганьсунун бул батыш аймагында байыркы тибет урууларын сүрүп чыгып ээлешкен. Ал эми йүэчжилер б. з. ч. III кылымдын акыркы чейрегинде (209-жылга чейин) убактылуу күчтөнүп, Модэни аманат катары кармап турушкан кезде усундар йүэчжилердин кысымынан түндүккө – Батыш Монголия тарапка сүрүлүүгө аргасыз болгон. Модэ-шанүй усундары алардын дал ушу убактылуу журттарынан жеңип алган.

Айтмакчы, Лобнор көлүнүн жанында табылган даректүү жазма эстеликтердин биринде (б. з. ч. I к. – б. з. I к.) кытайлык аскердик кыштактын бир мартабалуу адамы «усун каракчылары» тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат. Демек, айрым бир усун топтору кийинчерээк да Лобнор аймагында жашап кала бергени бул эстелик менен айгинеленет.

Күн-бий жөнүндө уламыш. Усундардын алгачкы бийлик эгеси тууралуу кызыктуу бир уламыш кытай даректеринде камтылган. Аны Бань Гу кеңирээк баяндаган.

Усундардын бийлик эгеси күн-бий (мында Куньмо деп адам ысымы катары берилет) оболу чакан бир падышалыктын бийлөөчүсү Наньдоумонун уулу эле. Батыш Ганьсудагы бул өлкөгө чоң йүэчжилер кол салышкан (чоң йүэчжилер – кийинчерээк Орто Азияга журт которгон йүэчжилер экенин билесиңер).

Йүэчжилердин бул чапкыны учурунда Наньдоумо курман болот. Өз жеринен усундар журт которууга аргасыз болушат. Алар хуннулардын таасириндеги аймакка келет.

Бул кыйсыпыр түшкөн маалда болочок күн-бий (Наньдоу-монун уулу) ымыркай эле. Бунцзюсихоу деген анын насаатчысы ымыркайды көтөрүп каардуу жоосунан качып баратып, бир жолу аны чөп үстүнө жаткырып, тамак-аш издеп кетүүгө туура келет.

Бунцзюсихоу кайра келип өз көзүнө өзү ишенбей айран-таң болду: курсагы ачка ымыркайга карышкырдын канчыгы келип эмчегин эмизип жаткан экен. Алардын үстүндө болсо тумшугуна эт кесимин тиштеген бир карга каалгып айланып жатыптыр. Мындай ымыркайдын сыры бар деген ой кетти насаатчыга.

Ал ымыркайды алды да, кайрадан артка кайтып, хуннулардын шанүйүнө (Модэ-шанүйгө) келди. Шанүй да өзгөчө таң калып, бул баланын бир касиети бар го,– деп ойлоду. Аны өзү багып алып, сүймөнчүлүк менен мамиле жасап чоңойтту.

Бул байыркы уламышты усундар өздөрүнүн эгемен мамлекетти түзгөн өкүмдарынын бийлиги мыйзамченемдүү болгон, анткени ал касиеттүү бир киши эле деген саясий идеологиялык максатты көздөп чыгарышкан. Уламыш укумдан-тукумга өтө айтылып, усун күн-бийлеринин бийликке өзгөчө акысы бар экендигин карапайым элге да, тарыхый коңшу калктарга да туюнтушу, аларды бул ойго ынандырышы керек эле.

Байыркы усундардын бул уламышы түрк урууларына кеңири таркаган. Кийинки доорлордо да хандык бийликтин мыйзамченемдүүлүгүн ырастоо үчүн Түрк каганатын негиздеген ашина уруусу ушундай уламышты пайдаланган. Кыргыз каганы менен да бөрүнү байланыштырган уламыш орун алганы маалым. Түрк элдеринин бул уламыштык сюжетин орто кылымдарда монголдор да пайдаланышкан.

Усундар Жуңгарияда. Хунну дөөлөтүнүн бийлик эгеси Модэ-шанүй йүэчжилер менен усундардын өз ара карама-каршылыгын пайдаланууга аракеттенген. Ал өзү тарбиялап өстүргөн усун өкүмдарынын жетим баласына «күн-бий» титулун берип, аны кайрадан усундардын өкүмдары жарыялап, вассал (өзүнө көз каранды бийлик эгеси) катары эсептеген. Усундарга өзүнүн батыш тараптагы чек арасын бекем кармап туруу милдети тапшырылган.

Усундар ээлеп калган жаңы жер – Жуңгария ойдуңу эле. Алтай менен Чыгыш Теңир-Тоонун аралыгын ээлеген бул ойдуң мал чарбачылыгы үчүн ыңгайлуу болгон. Биерде усундар менен коңшулаш кыргыздар жашагандыгы болжолдонууда. Алар да хуннулардын мамлекетинин карамагында болчу.

Модэ-шанүй б. з. ч. 177-ж. өзүнүн мамлекетин Хань сулалеси тең ата мамлекет катары расмий таанууга жетишкен. Хань сулалесинин императору Вэнь-ди менен Модэ бири-бирин бир тууган деп жарыялаган. Дал ушул кырдаалда Жуңгарияда туруп калган усундар хуннулар менен саясий ынтымакты бузбай жашоодон башка арга табышкан эмес.

Йүэчжилерге каршы бирдиктүү согуш. Усундар Хунну дөөлөтүнүн вассалы жана ынтымакташы катары бул эки элдин жалпы жоосу – йүэчжилерге каршы уруштарга катышууга милдеттүү болгон.

Модэнин саясатын уланткан анын уулу Лаошан-шанүй ийгиликтүү түрдө могуш жортуулдарын жасап, акыры йүэчжилердин Дуньхуан аймагындагы мамлекети ойрон болгон (б. з. ч. 165-ж. чейин). Өкүмдары өлтүрүлгөн йүэчжилердин басымдуу бөлүгү («чоң йүэчжилер» хуннулар менен усундардын кысымынан улам Жети-Сууга чейин сүрүлүүгө аргасыз болгон.

Усундардын Жети-Сууну ээлеши. Модэ-шанүйдүн тарбиясын алган усундардын күн-бийи Лаошан-шанүйдөн йүэчжилерге каршы жортуулду улантууга руксат сурайт.

Бул тууралуу кытай тарыхчысы Бань Гу төмөндөкүдөй жазат: «Күн-бий толукшуп турган кезең эле. Ал шанүйдөн өз атасы үчүн (йүэчжилерден) өч алууга руксат сурады. Батышта ал чоң йүэчжилерге кол салып, аларды таш-талкан кылды. Чоң йүэчжилер кайрадан батышка үр күштү жана Дася (Бактрия) жерлерине журт кото рушту».

Лаошан-шанүйдүн көзүнүн тирүүсүндө Чыгыш Түркстандын бир катар түндүк аймагын, Борбордук ТеңирТоону, Жети-Сууну усундар ээлеп калган. Бул окуя б.з.ч. 165–160-жылдарды өз ичине камтыган. Усундардын батышка көчүшүн кытай булактар шанүйдүн (б. а., Лаошандын) өлгөн мезгилинен кийин болду,– деп жазышат.

Усундардын өзүн эгемен жарыялашы. Теңир-Тоонун кеңири аймагын ээлеп калган усун өкүмдары хуннулардын бир кыйла батышка алыстап кеткенин баамдады. Өз элинин келечегин ойлогон күн-бий усундардын мамлекеттик көз каранды эместигин калыбына келтирүүнү эңседи.

Лаошан-шанүйдүн көзү өткөн соң (б. з. ч. 161–158-жж. аралыгында) күн-бий жаңы Усун мамлекетин түзүп, өзүн хуннулардан көз каранды эмес деп жарыялады. Кытай булактар да бул өлкөнү уруу бирикмеси катары эмес «Усунь-го» – «Усун мамлекети» деп белгилешет.

Усундардын 120 миң түтүнү болгон (калкы – 630 миң адам эле. Алардын аскеринин саны 188 800 адамга жеткен.) Бул санга усундардын таман астында калган калктын да аскер күчү кошулуп айтылган болуусу мүмкүн.

Усундардын борбор шаары. Усундардын баш калаасы катары Ысык-Көл аймагындагы Чигу шаары негизделген. Бул шаар азыркы түшүнүгүбүздөгүдөй же отурукташкан байыркы калктардыкындай шаар болгон эмес. Оболу анда көчмөндөрдүн күн-бийинин ордосу гана тигилген.

Кийинчерээк, б. з. ч. I кылымда, Чигу шаарында кооз имараттар да курулган. Маселен, усундардын күнбийине каныша катары күйөөгө берилген кытайлык бек бийке үчүн атайын кытайлык үлгүдө ак сарай курулган. Бул ак сарай жок дегенде эле кытайлыктардын бай адамдарынын короо-жайлуу үйүндөй болсо керек деген пикирлер бар.

Чигу шаары б. з. ч. I кылымда сыртынан атайын коргон менен курчалган. Ал коргон бир катар убакытка сырт кы душмандан коргонуу, алардын чабуулуна туруштук берүү максатында курулган.

Азыркы тапта кыргыз окумуштуулары байыркы Чигу («Чи-гучэн» – «Кызыл өрөөндөгү коргондуу кыштак» деп кытайчадан которулат, усундар берген аты кандай болгону маалым) шаарынын орду катары Сары-Булуң шаар чалдыбарын көрсө түшүүдө. Сары-Булуң шаар чалдыбары Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышыраак булуңунда, Түп-Каракол багытында жайгашкан. Байыркы доордо кытайлыктар «Кызыл өрөөн кыштагы» деп жазса, азыркы тапта Сары-Булуң деп бул жердин аталышы кызыгууну туудурбай койбойт.

Чигу шаарында алгачкы тургун жай, кыштак катары негизги усундар келгенге чейин эле пайда болгону, тиграхауда сактарынын доорунда эле биерде көчмөн мал чарбачылыгы менен кошо отурукташкан дыйканчылык чарбасынын орун алгандыгы далилденүүдө. Ысык-Көлдөгү дыйканчылык очоктору Чыгыш Ферганадагы дыйканчылык маданият менен үн алышып турат. Себеби бул аймактарда б. з. ч. II к. ортосуна – усундар келгенге чейин бири-бирине тектеш же коңшулаш тиграхау да сактары жашаган.

Ал эми Чигу шаарына усундар келгенден кийин да дыйканчылыктын Ысык-Көлдө улантылышы, кол өнөрчү лүктүн ыраатт уу жашай бериши сактардын кандайдыр бир бөлүгү усундардын арасында калып, аларга жуурулушканын айгинелейт.

Чжан Цяндын усундарга элчилиги. Б. з. ч. 128-ж. кытайлык офицер, хунну жергесиндеги тыңчы жана йүэчжилерге сапар тарткан элчи Чжан Цянь өзүнүн хунну аялы, баласы, хунну шериги Таны болуп он жылдай кармалууга аргасыз болгон хунну өлкөсүнөн батыш тарапка качып чыкты.

Ал чакан жан-жөкөрлөрү менен Чыгыш Теңир-Тоонун күңгөй (түштүк) тарабы аркылуу батышка илгерилей берди. Өзү аралаган усун уруулары «салт-каадасы менен хуннуларга окшош экендигин» да баамдады. Акыры Борбордук Теңир-Тоонун ашуусунан өтүп, усундардын байтактысы жайгашкан көлгө туш келди.

Өздөрүн хуннулардан эгемен сезип калган усундар Чжань Цянга тоскоол болбой, ал сапарын андан ары Давань мамлекетин (Түштүк Кыргызстанды) көздөй уланткан. Өзү болгон жерде ал тил табышып сүйлөшө алган жана кызыккан өлкөлөрүнүн жайгашкан орду, аймагынын көлөмү, калкынын кесипчилиги, аскердик күчтөрү, табигый байлыктар тууралуу ар тараптуу маалыматты чогулта берген. Император У-динин келечекки батышка карай баскынчылык саясаты үчүн бай маалыматтар ишенимдүү багыт болгон.

Чжан Цянь өз чининен ажырап, карапайым адамга айланып калгандан кийин да (б. з. ч. 122-ж.) император У-ди анын кеңештерине кызыгып турган. Бир чети б. з. ч.

199-жылдагы хуннуларды жеңген салгылашуулардан соң Хэси өткөөлүн толук ээлеп, Дуньхуанга (б. з. ч. 111-ж.) чейин өзүнүн бекем коргонуу жайларын курууга жетишкен менен кытайлыктар, экинчи чети, саал алсырап калып, хуннуларды алардын башка бир жоосунун күчү менен жеңүүнү ылайык табышкан.

Дал ушундай акылды У-диге Чжан Цянь айткан, Усундарды өзүбүзгө тартып, алар менен «тууганчылык ынтымакты» түзсөк, алар хань императоруна баш ийип калышар эле. Натыйжада, хуннулардын оң колун кесип салаар элек деген Чжан Цянь.

Мында «оң колду кесип салуу» сөзү оң канат, борбордук бийлик сол канат болуп бөлүнгөн хунну башкаруу системасын эскерип турат. Усундар менен күрөштө хуннулардын батышындагылары, б. а., оң канаты алагды болмок.

Чжан Цяндын башка бир кеңеши – усундар менен ынтымакташып алып, андан да батышыраактагы чоочун өлкөлөрдү да Кытайга имерип, аларды «сырткы букараларга» айлантуу керек деген ой болду.

Ушул кеңештерге толук ынанып, б. з. ч. 116-жылдын тегерегинде У-ди өз элчиси катары Чжан Цянды усундарга жиберген.

300 аскер, көп сандаган белек-бечкек менен келип, Чжан Цянь усундардын күн-бийи тарабынан дурус кабыл алынган. Чигу шаарынан ал өзүнүн жардамчыларын Орто Азиядагы, Түндүк-Батыш Индиядагы бир катар өлкөлөргө элчилик тапшырма менен аткарган. Бир эле учурда түздөн-түз Кытай менен ушул аймактардагы өлкөлөрдүн соода мамилелери түзүлгөн.

Чжан Цянды б. з. ч. 115-ж. усун күн-бийи чоң урматсый менен узатып, өзүнүн элчилигин да жооп иретинде Хань сулалесинин байтактысына жиберген. У-ди болсо усундардын өкүмдарына бек бийкелердин бирин белекбечкек менен кошо жөнөтүп, кытайлык Хань дөөлөтү

Усун мамлекети менен «тууганчылык ынтымакты» түзгөн.

Усундардын Кытай жана Хунну дөөлөттөрү менен мамилеси (б. з. ч. II к. акыры). Усундардын мамлекети б.з.ч. II кылымдын акырында азыркы Түндүк Кыргызстандын, Түштүк-Чыгыш Казакстандын аймагын, ошондой эле Чыгыш Теңир-Тоонун бир катар жерлерин ээлеп турган. Чыгышында алар хуннулар менен, батышында – Кангүй өлкөсү менен, түштүгүндө – хунналарга салык төлөп турган чыгыш түркстандык чакан мамлекеттер менен чектешип турган.

Ушундай кырдаал усун күн-бийинин кылдат тышкы саясатты жүргүзүүсүн кылган. Хуннулар менен кытайлар Чыгыш Түркстан үчүн айыгышкан күрөшүн улантып жаткан эле.

Усун күн-бийи Кытай менен мамилени түзүүгө макул болсо да, ачыктан-ачык хуннуларга каршы чыгууну туура көрбөдү. Ал өзү үчүн нейтралдуу – калыс саясат жүр гүзүү жолун тандады. Бул саясаттын көрүнүшү – «тууганчылык ынтымак» түзүү ырасымы аркылуу айгинеленет: усун күнбийи бир эле учурда хуннулардын кызына жана кытайлык бек бийкеге үйлөнүүгө чечим кылган.

Усундардын чарбасы. Усундар жалпысынан көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенишкен. Усундар жылкы, уй, кой, эчки кармашкан. Кытайлык булактар: «Усундар дыйканчылык менен да, багбанчылык менен да кесиптенбейт. Алар малы менен бир жерден экинчи жерге конуш которуп, суунун жана жайыт отунун ыңгайына карап көчүшөт»,– деп баяндашат.

Арийне, бул маалыматтар б. з. ч. II кылымдын акырына таандык. Усундар түзгөн мамлекеттин аймагында кийинчерээк аларга жуурулган башка калктар да болгон. Алар усундар келгенге чейин эле дыйканчылык менен кесиптенген. Натыйжада, алардын таасири менен, усундар да б. з. алгачкы кылымдарында жарым көчмөн турмушта жашап, кайсы бир бөлүгү отурукташканы (жатакта калганы) тууралуу бүтүм чыгарууга болот.

Маселен, археологдор Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүнөн усундардын дооруна таандык тургун жайлардын, кыштактардын изин табышты. Кара-Балтада жана Түп булуңунда жайгашкан усун доорунун кыштактарында дыйканчылык негизги чарба тармагы болгону айгинеленүүдө. Ал түгүл жасалма сугат үчүн арыктар чабылганы да маалым болууда.

Усундар жана алардын арасындагы сактардын калганкаткан бөлүктөрү кол өнөрчүлүгү менен да кесиптенишкен. Ар кыл карапа идиштери, чопо ийик, сөөк буюмдар, таш жаргылчактар, колодон жасалган аш шаймандары, «айбанаттык стилде» жасалгаланган зергердик металл (алтын, коло, жез ж. б.) буюмдары, темирден жасалган жебе учтары археологиялык казуулар учурунда табылган. Маселен, Челпек көрүстөнүндө (Караколдун жаны) сабы жомоктогу куштун башы сыяктуу жасалган коло күзгү да табылган.

Усундар үчүн да аң уулоочулук көчмөн чарбачылык жүргүзүүдө мааниси бар кошумча азык-түлүк табуучу тармак болгон.

Саясий түзүлүшү. Усундардын мамлекети хуннулар түзгөн дөөлөт сыяктуу эле көчмөндөр бийлеген монархия лык мамлекет болгон. Монархтын титулу – «күн-бий» (куньмо, гунь-мо) деп аталып, эң алгач бул даражаны усундардын бийлик эгеси хунну өкүмдары Модэ-шанүйдөн алган.

Айтмакчы, хуннулардын акимдик башкаруусунда «жичжу-ван» («Күн ээрчиген бек», «Күнгө кубаланган бек») деген даража болгон. Бул «Күн кубалаган бек» шанүйдүн өзүнүн уулуна ыйгарылуучу «сол канаттагы (чыгыштагы) сянь-ван» даражасынан төмөнүрөөк болгон.

Демек, оболу «күн-бий» даражасына усун өкүмдары алганда, батыштагы – күн батуучу тараптагы хунну чектерин ишенимдүү кайтаруучу бий катары, б. а., Хунну мамлекетинин башкаруу системасынын ичинде деп эсептелгенин болжолдоо кыйын эмес. Чжан Цянь да император У-диге усундарды «хуннулардын оң колу» катары мүнөздөгөн эле. Бирок кийин усундар эгемендигин жарыялаганда да «күн-бий» титулун сактап калышкан, себеби ал саясий практикада алынып кеткен эле. Тилдик тектештик да мында өз ролун ойногон (Орто кылымдардагы огуз каган тууралуу уламышта да анын урпактарынын, б. а., мураскерлеринин бири «Күн-хан» аталган).

Күн-бийдин монархиялык бийлиги чектелүү мүнөзгө ээ эле. Ал аксакалдардын кеңешинде маанилүү маселелерди талкуулаган.

Усундардын күн-бийи да мамлекеттик башкаруу системасын хуннулардын үлгүсүндө түзүүгө аракеттенген. Себеби хунну көчмөн мамлекетинин өзгөчө күч-кубаты, кадыр-баркы анын саясий тажрыйбасын пайдаланууга түрткү болгон. Усун мамлекети эки башка канатка жана аларды бириктирген чордондук бийликке негизделген (орто кылымдарда да кыргыздардын оң канат, сол канат болуп жиктелиши, алардан саал обочо ичкилик тобунун болушу – кыргыздардын байыркы хуннулардан алган тажрыйбасынын тарыхый калдыгы болуп саналат).

Коомдук түзүлүшү. Усун коому Борбордук Азиянын талаа мейкиндигин өзүнө багындырган коңшулары – хуннулардыкына окшош болгон. Биерде эрте феодалдык мамилелер өнүгө баштаган.

Эзелки уруу ак сөөктөрү өз алдынча жогорку тап катары ажырымдалып чыккан. Усундардын бай жашагандары 4–5 миң башка жеткен жылкы үйүрлөрүнө ээ болгон. Ал эми мынча көп малды үзгүлтүксүз багуу үчүн мындай бай адамдардын кеңири жайытка ээ болуп турушу түшүнүктүү.

Коомдук байлык кембагал малчылардын, жатактардагы жарым көчмөндөрдүн, кыштактардагы дыйкандардын жана ар кыл кол өнөрчүлөрдүн эмгеги менен жаратылган.

Кулдар да болгон. Алар согуш жортуулдары учурунда келген «олжо кулдар» эле. Негизинен, керт башы эркин кембагалдар башкы өндүрүүчү күч болуп эсептелет.

Усундардын уруулары да патриархалдык өзөгүн сактаган, бирок аймактык негизде түзүлгөн.

Көчмөн турмуш таризи. Усундардын көчмөн турмушу тууралуу кытай булактары ар кыл маалымат берет. Маселен, усун күн-бийине турмушка берилген кытай бек бийкеси өз тагдырына таарынып, арман сыяктуу ырлар жазган. «Жердин эң четине мени күйөөгө беришти, алыска, чоочун өлкөгө, усун бийлик эгесине. Ууктар (цүн-лу) – менин үйүм, кийиз – дубалым, эт – жечү тамагым, айран – ичээрим», – деп ал муңканган. Дан өсүмдүктөрү, күрүчтүн ар кыл түрү, жашылча-жемиш негизги рационун (тамак-аштын өзөккү элементтерин) түзгөн Кытайдан келген тектүү кыздын бул көргөн күнү өзүнө кордук сезилсе, усун көчмөнү үчүн кадыресе турмуштун татынакай бир үзүмү эле.

Кыштоочу (жатак) жерлерде усундар топурактан дубал согуп, жер төлө сыяктуу жепирейген үйлөрдү да курууга өтүшкөн. Ошондой үйлөрдүн калдыгы Чүй боорунда (КараБалтада) табылды. Таштан курган имарат (Дароот- Коргон) жана жыгач устундар менен курулган үйлөр (Жергес коргону) да болгону айгинеленүүдө.

Үй-бүлө мамилелери. Усундардын үй-бүлөсү хуннулардыкындай эле патриархалдык мүнөздө болгон. Аялдын күйөөсү (балдардын атасы) бүлөнүн кожоюну эле. Тектүү, бай усундар көп аял алууга мүмкүн болгон.

Усундардын үй-бүлө мамилелеринде левират салты да учурайт – күйөөсү өлгөндө жесир аял өз кайнисине (кайнагасына) берилип, ал үчүн төлөнгөн калың, ал төрөгөн балдар ошол уруктун ичинде сакталып калган.

Усундун күн-бийи карып калган чагында өз канышасы – Кытайдан келген бек бийке өзү өлгөндө мураскерине кайра турмушка чыгуусун, ошону менен Кытай менен мамилелерди үзгүлтүксүз сактоону каалаган. Мындай салтты көрбөгөн-укпаган кытай бек бийкеси эмне кыларын билбей Хань императоруна кат жазат. «Өзүң жашаган мамлекеттин салтын туткунуң, усундар менен биргелешип туруп мен хуннуларды таш-талкан кылышым керек», – деп ага жооп берилген.

Усун мамлекети б.з.ч. II к. акыры – 

б.з. V к. аралыгында

Усундардын түштүк коңшулары. Борбордук Теңиртоонун түштүк жактарында – Чыгыш Түркстандын оазистеринде бир нече мамлекет (ар кыл көлөмдөгү 34 өлкө) болгонун Бань Гунун ж. б. кытай тарыхчыларынын эмгегин үйрөнүү менен билебиз. Алардын көпчүлүгүнүн калкы индоевропалык тилдердин эң чыгышка жеткен бутагына кирген. Албетте, бул өлкөлөр байыркы түрк (прототүрк) уруулары жана өлкөлөрү, прототибеттиктер, Кытайдан, Индиядан келген ар кыл этностордун өкүлдөрү менен тыгыз тарыхый алакада болгон.

Бул өлкөлөрдүн ичинде усундар менен өзгөчө тарыхый (саясий, чарбалык-соодалык) алаканы жүргүзгөн өлкөлөр катары Крорайна (Лобнор көлүнүн атырабында), Турпан (Алыскы Цзүйши жана Жакынкы Цзүйши өлкөлөрү), Жаркент (байыркы аты – Соцзүй), Кашкар (Сулэ), Куча (Цзүйцзы же Гүйцзы), Хотан (Юйтянь) сыяктуу өлкөлердү кошууга болот. Кээде Кучага баш ийип, кээде андан өз алдынча саясат жүргүзгөн анын аймагындагы Вэньсу (Үчтурпан), Гумо (Аксуу) шаар мамлекеттерин эскерип өтүү ылайык.

Лобнордун жанындагы Крорайна мамлекетинин аймагында усундардын калган-каткан тобу жашагандыгы айгинеленүүдө. Б. з. ч. 108-ж. Крорайна өлкөсү да усундар сыяктуу оор абалда калып, бирок нейтралитет саясатын усундардан башкачараак жүргүзгөн. Эгерде усун күн-бийи бир эле учурда кытайлык жана хуннулук бек бийкелерге үйлөнсө, Крорайнанын өкүмдары бир эле учурда аманат катары бир уулун хуннуларга, башка бир уулун Хань сулалесинин императоруна жиберүүгө аргасыз болгон. Бул – Крорайна эки өлкөгө тең көз каранды дегендикти билдирген.

Усундардын түштүгүндөгү мамлекеттердин бири – Кашкар Тарим өрөөнүнүн эң батыш аймагында жайгашкан. Биздин замандын чегинде Кашкардын (Сулэ) калкы бир жарым миң үй-бүлөдөн, б. з. II кылымда 21 миң үй-бүлөдөн турган деген маалымат бар. Кашкар өлкөсү б. з. ч. II кылым – б. з. I кылымдарда коңшусу Кучанын таасири астында болгон.

Куча (Цзүйцзы) мамлекети б. з. ч. I кылымда Чыгыш Түркстандагы эң ири мамлекет болгон. Анын калкынын саны 80 миң адамга жеткен (бул санды өтө эле көбөйтүлүп айтылган деген пикир бар. Балким, Кучанын таасирине кирген Кашкар ж. б. чөлкөмдөрдүн калкы да кошулуп айтылган болуусу мүмкүн).

Кучадан түндүктү карай Бедел ашуусу аркылуу ЫсыкКөл аймагына соода жолу өткөн. Усундарга карай сапарга чыккан кытай соодагерлери жана элчилери Куча мамлекетинин ички-тышкы саясатына да багыныңкы болушкан.

Б. з. ч. I кылымдагы Кучанын таасирдүү падышасы Цзянбинь деген адам болгон. Ушул кылымдын 60-жылдарында болуп өткөн окуялар анын ысмын кытай жылнаамаларында калтырган. Усун күн-бийинин кытайлык бек бийкеден төрөлгөн улуу кызы Кытайга окууга жөнөтүлгөн. Ал таятасынын өлкөсүнөн кытайлык музыка аспаптарында ойноого үйрөнүп келмек эле. Кербен Кучадан өтүп бара жатканда алиги Цзянбинь деген падыша кызды жибербей кармап калат да, акыры өзү ага үйлөнөт.

Усун күн-бийинин күйөө баласы болуп калган Цзянбинь бул жары аркылуу Кытай менен да мамиле түзүүгө жетишкен. Б.з. ч. 65-ж. ал өз жары менен Кытайдын баш калаасы Чаньанга келип, бир жыл турган. Кайтып келип өз байтактысы Янь шаарында (азыркы Куча шаарынын жанындагы Пилан шаар чалдыбары) кытайлык архитектуралык салтка негизденген ак сарай курган.

Бул ак сарай жергиликтүү салттан таптакыр айырмаланып тургандыктан, аны жактыра бербеген Кучанын калкы: «Эшек дейин десең, эшек эмес, ат дейин десең, ат эмес, өзүбүздүн кучалык бегибизге окшогон качыр чыгып калды», – деп келекелегени маалым.

Б. з. ч. 59-жылдан тартып, Куча өлкөсү «Батыш аймагынын башкы төбөлүнүн», б. а., Хань сулалесинин эң батыштагы генерал-протекторунун чордонуна айланган. Ал эми б. з. I кылымында хунналар менен кытайлыктар бул өлкөнү алмак-салмак ээлеп турган. Б. з. IV к. (384-ж.) Кучадан туткунга түшүрүлүп, Кытайга алынып кеткен айтылуу Кумаражива бутпарас (буддизм) динине таандык адабиятты кытай тилине которуунун жаңы доорун баштаганы маалым.

Кучадан чыгышыраакта – Куча менен Турпан оази синин аралыгында – Яньци аттуу мамлекет болгон (Л.И.Гумилёв бул өлкөнү шарттуу түрдө Карашаар деп белгилейт). Туш-тарабы тоолор аркылуу корголгон бул өлкөнүн борбору Юаньцай шаары азыркы Бостоннор көлүнүн түштүк-батышындагы Богодаби шаар чалдыбары менен окшоштурулат. Бул өлкөдө «тохардык А тили» деп илимде аталган индоевропалык тилдеги (брахми жазмасындагы) жазма маданияты өнүккөн. Биерде күрүч, таруу, бууд ай, буурчак, жүзүм өстүрүлгөн. Тыт жыгачын өстү рүшкөн менен жибек токуунун сырын билишкен эмес. Бул өлкөдө төө жана жылкы да багышкан.

Карашаар (Яньцы) өлкөсүндө маркум өлгөндө анын сөөгүн өрттөп, күлүн көмүшкөн. Андан соң жети күн бою маркумдун азасын күтүшкөн (сөөк өрттөө салт Чыгыш Теңир-Тоодон Энесайга кеткен байыркы кыргыздарга да таандык болгонун салыштыруу үчүн айта кетели). «Яньци» аталышы «арси» этноними катары калыбына келтирүү аракеттери да бар.

Карашаар өлкөсү менен усундардын жана хунналардын өз ара карым-катнашы болгондугун боолголоо керек. Арийне, заманыбызга жеткен жазма эстеликтер бул тууралуу конкреттүү бай фактыларды берген эмес.

Чыгышта болсо Жунгариянын түштүк аймагында хунналардын хучжүй уруусу усундарга чектеш турган. Аларга байыркы кыргыздар коңшулаш болгону болжолдонууда.

Усундардын түндүк-батыш жана батыш коңшулары.

Усун мамлекети түндүк-батыш тарабынан Кангүй мамлекети менен чектелген. Бул эки өлкөнүн ортосунда, ЖетиСуунун түндүк-батышында, чакан бир Учаньму деген өлкө да болгону, дайыма бул «көпүрө» өлкөгө коңшулары өз кысымын жасап турганы кытай булактарынан маалым.

Ал эми Усун мамлекетинин батышындагы Давань (Даюань) өлкөсү тууралуу өзүнчө сабакта кеңирирээк айтылат. Давань мамлекетинин батышында Кушан өлкөсү (чоң йүэчжилер) орун алган.

«Тууганчылыкка негизделген» эки ача ынтымак. Усундардын өздөрү жазып калтырган кандайдыр бир тарыхый эстелик сакталып калбагандан кийин, алардын саясий тарыхы чыгыш коңшулары – Кытайдын ак сарай тарыхчылары жазып кеткен үзүл-кесил маалымат аркылуу гана чагылдырылат.

Б. з. ч. II к. акырында Кытай батышка карата баскынчыл саясатын жандандырып, б. з. ч. 108-ж. Крорайнаны басып алды. Алашань талааларына – чыгышка кайра көчүп баруу тууралуу кытайлык сунушту четке кагып, Теңир-Тоодо кала берген усундар бул окуяны чочулоо менен кабыл алышты. Лобнор аймагы кытайлыктардын таман астында калганын билген соң, усундардын карып калган күн-бийи б. з. ч. 107-ж. кытайлык элчиликти кабыл алып, бул өкүлчүлүк менен кошо жиберилген кытайлык бек бийкеге үйлөнүүгө аргасыз болду.

Кексе усун өкүмдары ошол эле учурда кытайлыктардын таасирдүү жоосу болгон хуннулардын шанүйүнүн кызын да тосуп алып, аны өзүнүн байбичеси (улуу аялы), кытайлык бек бийкени кичи аялы катары жарыялады. «Тууганчылыкка негизделген» бул ынтымак, ошентип эки ача максатты көздөп, Усун мамлекети бир эле учурда Кытайга да, Хунну дөөлөтүнө да өзүнүн каршы эмес экендигин, лоялдуулугун далилдөөгө умтулган.

Даванга каршы саясат. Б.з.ч. 104–103-жж. кытайлар

Давань өлкөсүнө алгачкы ирет жортуул жасап, б.з.ч. 102– 101-ж.ж. кайрадан Даванга басып киришкен. Усундун күн-бийи да өз ынтымагынын негизинде Кытай тарап үчүн 2 миң атчан аскер даярдаган. Арийне, маалыматтарга караганда, усундар бул согушка түздөн-түз кийлигишкен эмес.

Чеши менен күрөш. Усундардын байтактысында

б. з. ч. I к. башында хуннуларды жактаган топ да, кытайчыл багытты тутууга үндөгөн топ да болгон. Ал эми хуннулардын айрым козголоңчулары болсо б. з. ч. 85-ж. хүчжуй уруусунун бегин усундарга каршы чыр-чатак чыгарууга үндөгөн, бирок Жунгарияда усундар менен тынч коңшулашып жашаган хүчжуй уруусу мындай журт бузаар аракетке барган эмес.

Акырындап усундардын ичинде да кытайчыл багыттын тарапкерлери күчтөнгөн. Усундардын күн-бийине жиберилген Гяй-йү ысымдуу экинчи кытай бек бийкеси ордо ичинде ар кыл күбүр-шыбырды, топчолорду уюштурууга маш эле. Бир күн-бийден экинчисине (мураскерине) өтүп, төрөгөн балдарынын ичинен бир кызы Кучанын бегинин аялы болуп калган, дагы бир уулу Жаркентти бийлегени маалым. Кытайчыл багытты Гяй-йү байбиче тымызын башкарууга жетишкен.

Б. з. ч. 80-ж. усундарга каршы хуннулар менен Турпан өрөөнүндөгү чакан Гуши өлкөсүнүн (б. з. ч. 108-жылдан тартып, аны кытайлыктар «Чеши» деп аташкан) аскерлери менен бирдикте ачыктан-ачык согуш жортуулуна чыгат. Усундар менен ымаласы дурус болгон Куча, Жаркент бектиктери соода жолунун түйүнүндөгү Чеши өлкөсү үчүн ыңгайсыз жагдайлар түзгөн атаандаштар эле. Аларды жеңүү үчүн оболу усундардын күчүн майтаруу зарыл болгон.

Усундардын айрым жерин каратып, хуннулар менен чешиликтер кытайлык бек бийке Гяй-йүнү өткөрүп берүүнү, Кытай менен ынтымакты жоюуну усундардан талап кылышкан. Усундун күн-бийи Унгүйми болсо кытайлык жардам аркылуу Чеши аймагында да өзүнүн соо дасы үчүн жагымдуу кырдаал түзүүгө ниеттенген.

Ошентип, б. з. ч. 80-жылынан тартып, усундар менен хуннулар бири-бирине каршы согуш абалында калышты.

Усун-кытай согуш ынтымагы жана б. з. ч. 72–71-жж. Хунну дөөлөтүнө каршы уруштар. Хуннулардын ачык кысымы башталганда усундардын күн-бийи Унгүйми жана байбичеси Гяй-йү жардам сурап Кытайга кайрылышты. Б. з. ч. 73-ж. алар жиберген элчилик Кытайга келип, хуннуларга каршы согуш ынтымагын түзүү сунушун жеткирди.

Хань сулалесинин жаңы императору Сүйан-ди үчүн бул сунуш майдай жаккан.

Б. з. ч. 72-ж. Кытайдын кошуундары (160 миң жеңил куралданган атчандар) чыгышта – Ордос жана Хэси өткөөлдөрү аймактарында хуннуларга каршы урушка кирди. Арийне, алардан хуннулар журт которуп көчүп кетип кутулушкан. Бирок ошол эле жылы батыштан жасаган усундардын жортуулу хуннулар үчүн оор баага турду. Алар шанүйдүн кайнатасын, келинин, бир канча батыш канаттагы бектерин, 39 миң адамын туткундап жана 700 миң баш малын олжолоп алышкан.

Б. з. ч. 72-ж. акыры – 71-ж. башына туура келген кыш мезгилинде хунналар жооп иретинде усундарга каршы чапкын уюштурду. Арийне, алар кайра тартканда кыш ызгаарында же оту жок, же жеми жок аттары жан берип, бул жортуулга чыккан хунну аскерлеринин көбү өздөрүнөн өздөрү кырылган.

Чыгыш жана түндүк элдери менен ынтымак. Б. з. ч.

70-жылдардын акырында усундар хуннуларга каршы айыгышкан күрөшкө өзүнүн жоосунун чыгыштагы жана түндүктөгү көз каранды коңшуларын тартууга ниетте ништи.

Хуннулардын түндүгүндөгү динлиндер жана байыркы дунхулардын бутактарынын бири болгон Маньчжуриядагы ухуандар батыштагы усундар менен ынтымак түзгөн соң, б. з. ч. 71-ж. жайында көтөрүлүш чыгарышты. Үч тараптан тең хуннулар согуш отунун ичинде калды. Ал эми түштүк тарапта Кытай бар эле. Динлинь жана ухуандар менен жашыруун алака түзүү усундардын дипломатиялык чоң ийгилиги эле. Бул жортуулдар усундар үчүн жеңиштүү аяктаган.

Ишке ашпаган сарай төңкөрүшү. Б. з. ч. 60-жылдары усундар Кытай менен дурус алакасын уланткан. Арийне, кытай менен «тууганчылыкка негизделген» ынтымакты улантуу га макул болбой, хуннуларга жан тарткан усун төбөлдөрү да болгон. Тышкы саясаттагы бул эки ача мамиле усундардын ички ыркынын кетишине өбөлгө болгон.

Б. з. ч. 64-ж. кытайчыл саясатты жүргүзгөн күн-бий Унгүйми каза болгон. Ал өлөр алдында өзүнүн улуу баласына кытай тектүү аялы Гяй-йүнү никелештирип, Хань сулалеси менен тууганчылыкка негизделген» ынтымакты үзгүлтүксүз улантуу ну каалаган. Иш жүзүндө бул усун тактысынын күн-бийдин аталаш бир тууганына өтүү салтын бузуу аракети эле.

Бирок Унгүйми кудалашуу жөрөлгөсү бүтө электе каза болгон да, бийлик уулу Юаньгүймиге эмес, аталаш бир тууганы Нимиге өткөрүлгөн.

Ними күн-бий хунну байбичеден төрөлгөн эле. Кытайлык Куан-ван титулун алган Ними ошентип Гяй-йү байбичеге никелешип, андан уул көргөн.

Хуннулардын жээни болгон адамдын тактыга отурушу кытайларга да, алардын саясатын жүргүзгөн Гяй-йүгө да жаккан эмес. Б. з. ч. 52-ж. ал усун ордосуна келген кытайлык ири ак сөөктөр Вэй Хо-и жана Жень Чан менен тымызын сарай төңкөрүшүнүн долбоорун макулдашкан. Бирок той учурунда кылыч жеген Ними күн-бий атына жетип, качып чыгууга үлгүргөн.

Усундар бир нече ай бою каны кайнап, төңкөр үшчүлөрдү жазалоо үчүн Чигу шаарындагы Гяй-йүнүн ак сарайын жана кытайлык элчиликтин имаратын камалап турушкан. Кучада жайгашкан Хань сулалесинин «Батыш аймагынын башкы төбөлү» шашылыш жиберген кошуун келип гана арачалап калган. Алиги эки ак сөөк адам Кытайдын борборуна алып келинип, башы алынган.

Усундардын күн-бийи Нимиге кечирим суроо үчүн кытайлык элчи жиберилген. Ал кийинчерээк ыңгайын таап Нимини өлтүрүп салбаганы үчүн кытайлык бийлик тарабынан жазалаганы маалым.

Хунну тараптагы топтун козголоңу. Кытайлык бек бийкенин усун канышасы катары жүргүзгөн эки жүздүү саясаты жана ишке ашпай калган сарай төңкөрүшү усундардын көпчүлүгүнүн Хань сулалесине карата нааразылык сезимин туудурган.

Б. з. ч. 59-жылдан тартып Куча мамлекети Кытайга толук көз каранды өлкөгө айланганы аз келгенсип, «Батыш аймагынын башкы төбөлүнүн» мекемеси бул өлкөгө көчүрүлгөндө Хань сулалеси Усун мамлекети менен түздөн-түз чектешип калган. Кытайдын өзүнө каратып алуу коркунучу күчөгөн бул маалда ансыз да антихандык маанай өсүп жаткан.

Ушул шартта маркум Унгүйми күн-бийдин хунну бек бийкесинен төрөлгөн баласы Уцзүту кытайлыктарга каршы чара көрө албаган усун ордосуна каршы козголоң баштаган. «Энесинин төркүнүнөн хунну аскерлерин келет» – деп билдирген Уцзүтуга усундар улам кошула беришти. Ними колго түшүп өлтүрүлүп, Уцзүту бийликти тартып алган.

Усундардын эки канатка жиктелиши. Усундар антикытайлык тараптын өкүлүнө бийлетип калганда, б. з. ч. 51-ж. Гяй-йүнүн кол алдындагы күйөөсү усун болгон кытайлык ак сөөк айым Хань сулалесинин борборуна барып келип, элчилик элдештиргич милдет өтөдү.

Натыйжада, Уцзүту күн-бий бийликти атасы бир, бирок энеси Гяй-йү болгон бир тууганы Юаньгүйми менен бөлүшүүгө макул болду. Усундар расмий түрдө эки канатты түзүп калышты. «Улуу күн-бий» даражасы кытай тараптын саяс атын жүргүзгөн Юаньгүймиге тийди. Анын эли 60 миң түтүндөн турган. Ал эми хуннулар жагына тарткан Уцзүту «кичи күн-бий» даражасын жана 40 миң түтүндү алып калды.

Улуу күн-бий Юаньгүйми бат эле каза болуп, ордуна кадыр-барксыз, жүүнү бош уулу Сынми отурду. Бул учурда Гяй-йү каныша кытайга үч баласын алып кетип калган (Кытайда ал дурус кабыл алынып, бирок көп узабай каза табат).

Усундардын эки канатка жиктелиши алардын ички саясий ынтымактыгынын бошоң экендигин далилдеген. Мындай абал хуннулар үчүн да, Хань сулалеси үчүн да жагымдуу эле.

Чигу шаарын хуннулардын кыйратышы. Түндүк-батышта Талас өрөөнү аркылуу усундарга коңшулаш болгон Кангүй мамлекети б. з. ч. I к ортосунда хуннулар менен ынтымакта болуп, Усун мамлекетине каршы турду. «Түндүк хуннулардын» бийлик эгеси Чжичжи-шанүй Жуңгарияга ордосун которуп, Уцзүту күн-бийге сүйл ө шүүлөр жүргүзүү үчүн элчи жөнөтөт.

Арийне, хуннулардын бир бөлүгү Кытай менен мамилелешип жатканын билген жана өзү да Кытай менен чатакташпоону каалап калган Уцзүту күн-бий бул элчинин башын алдырткан.

Чжичжи-шанүй б. з. ч. 48-жылы Усун мамлекетине жүрүшкө чыгып, арийне, Жети-Сууга жетпей эле суукта карга буюгуп, көптөгөн аскери кырылып калат. 3 миң аскери менен ал Каңгүй мамлекетинин чегине келген.

Б. з. ч. 47-жылдан тартып, Каңгүй мамлекетине таянып алып, Талас тараптан Чжичжи-шанүй усундарга каршы чапкын уюштуруп турган. Ал түгүл б. з. ч. 42-ж. түндүк хуннулар кангүйлүк аскерлердин колдоосу астында Усун өлкөсүнө ири жүрүш жасап, Ысык-Көл боюндагы Чигу шаарын каратып, байтактыны кыйратышкан. Усундар убактылуу чыгыш тарапка үркүшкөн.

Усундардын кайрадан жеңишке жетиши. Кытайлык бийликтерге да түндүк хуннулардын Усун мамлекетинин колун жеңиши жаккан эмес. Алар күч топтоп, өз журтун бошотуу га кайра аракеттерин баштаган усундарга жардам берүү үчүн чыгыш түркстандык биргелешкен аскер күчтөрүн жиберген. Таласта б. з. ч. 36-ж. ири салгылашууда Чжичжи-шанүй набыт болуп, түндүк хуннулар талкаланган. Усун мамлекети кайрадан калыбына келген.

Усун эгемендиги (б. з. ч. I к. акыры). Б. з. ч. 21-ж. усундардын күн-бийи Куча өлкөсүндө жайгашкан кытайлык «Батыш аймагынын башкы төбөлү» менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүү үчүн Кучага келгени маалым. Демек, бул учурда Усун мамлекети Хань сулалесинин өз алдынчалыгын сактап калганын көрүүгө болот.

Бирок ич ара тактыны талашуу күрөшү кытайчыл жана ага каршы топтордун ортосунда кийин да улантылган.

Коңшулары менен б.з.ч. I к. акырындагы мамилелер. Усундардын сепаратисттик күчтөрү – жергиликтүү бектер өз алдынча саясий багыт тутууга аракеттенген. Карып калган Цилими аттуу «улуу күн-бий» (Синмиден кийин тактыга келген) кытайлык салтты, тартипти киргизүүгө умтулган. Ал түгүл өзүнүн жайытын туугандарынан коруганга чейин барган. Усун төбөлдөрү нааразы болуп, козголоң чыгарып, аны өлтүрүп салышты. Кытайлыктар Цилиминин өчүн алуу үчүн аскерлерин жибергенде б.з.ч. 11-ж. усун бектеринин бири 80 миң усунду түндүкбатыштагы Каңгүй өлкөсү тарапка көчүрүп кетип баш пааналаган (б. з. ч. 3-ж. кытайлык аскерлерге тутулуп, бул бек өлтүрүлөт).

Б. з. ч. 5-ж. чыгышыраак аймактагы башка бир усун беги хуннулардын журттарына кол салып, олжолуу кайткан. Арийне, тез эле Учжулү-шанүй артынан өч алуу үчүн келип, бул бектин элин ойрондоткон. Ал өз уулун хунну шанүйүнө аманатка берүүгө аргасыз болгон.

Б. з. I к. Усун мамлекети. Б. з. алгачкы кылымында Чыгыш Түркстандагы Куча баш болгон мамлекеттер кытайлык баскынчыларды сүрүп чыгып, өз эгемендигин калыбына келтирген. Усун мамлекети да, ич ара сепараттык күчтөрдүн чидерине калган менен, көз каранды эмес тигин уланткан.

Б. з. 46–91-жж. Куча мамлекети хуннулардын тарабын жактап, Чыгыш Түркстанда хуннучул саясатты жүргүзүп турган. Куча өлкөсүнүн түздөн-түз түндүк коңшусу катары Усун мамлекети да хуннулардын шанүйлөрү менен ынтымакташып туруусу да ыктымал.

Кытайлык баскынчы кошуунду жетектеген кол башчы Бань Чао (32–102-жж. жашаган) Чыгыш Түркстанга кайрадан кытайлык таасирди орнотууну көздөп, б. з. 73-ж. тартып жүрүш жасаган. 80-ж. ал кытайлык императорго төмөндөкүдөй мазмундагы катты жиберген:

«Кийинки убакта Цзүйми (кхарошти тилинде «Кхема» деп аталган чакан өлкө, ал Хотан аймагында жайгашкан – Авт.), Жаркент, Кашкар, йүэчжилер, усундар жана Каңгүй (мамлекеттери) баш ийип берүүгө ниеттенип жатышат. Мен алардын күчүн бириктирип туруп, Кучаны талкалоону жана жок кылуун у каалап турам. Эгерде Куча баш ийсе, анда Батыш чөлкөмдөгү жүз өлкөнүн калса бири калып, калбаса баары багынган».

Каттагы «ниеттенип жатат» деп апыртылган сөз иш жүзүндө Усун, Кашкар, Жаркент, Каңгүй ж. б. өлкөлөрдүн Кытайдан көз каранды эмес экендигин айгинелейт.

Б. з. II–V кк. усун тарыхы жөнүндө. 91–107-ж.ж. Хань сулалеси кыска мөөнөткө болсо да Кучаны багындырып турган. Арийне, усундардын өлкөсүнүн эгемендигинин абалы тууралуу так маалымат жок.

Б. з. II к. ичинде Кушан дөөлөтү Чыгыш Түркстандагы Тарим ойдуңунун түштүк тарабын толук басып алган (II к. ортосу – 230-ж.) Арийне, усундардын жери Кушан дөөлөтүнөн эркин калган.

Хань сулалеси кулаган соң (220-ж.) Кытай да Батыштан – Чыгыш Түркстандан алыстаган, ошондуктан усундар тууралуу I–V кылымдарга таандык маалымат кытайлык жылнаамаларда дээрлик учурабайт.

Усундардын кайсы бир бөлүгү б. з. III к. башында

Чыгыш Теңир-Тоодо жашагандыгын боолголоо мүмкүн. Себеби ушул доордо Турпан ойдуңундагы Цзүйши мамлекети чыгыштан басып келген сяньбилер тарабынан каратылган кезде кытайлык булактар: «Сяньбилер батышында усундар менен чектешет», – деп эскеришет.

V кылымда жужандар Теңир-Тоонун чыгышынан усундарды сүрүп кирген. 436-ж. усундарды көздөй кытайлык элчи жөнөтүлгөнү тууралуу кабар Усун мамлекети боюнча акыркы маалыматтардын бири болуп саналат. Ал эми батыш тараптан басып кирген орто азиялык көчмөн эфталит уруулары б. з. V к. ортосунда Усундардын батыш жак аймагын каратып алышкан.

Усундардын этникалык жергиликтүү компонент катары кийинки теңир-тоолук элдердин курамына жуурулушуп кеткен.

Даван мамлекети

Кыргызстандын түштүгүндөгү мамлекет. Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгү бүгүнкү Кыргызстандын түштүк аймагын түзүп, жалпы эле Фергана аймагындагы байыркы отурукташкан калк түзгөн цивилизация очогунун ажырагыс бир бөлүгүн түзөт.

Фергананын чордондук жана чыгыш аймактары камтылган байыркы мамлекет кытайлык булактарда Даван (Даюань) деп аталган. Ал эми байыркы чыгыш индоирандык тилде биердеги мамлекет «Паркана» деп аталган жана парканалык отурукташкан калк согдулук, парфиялык калктарга окшош, бири-бирин түшүнөрлүк деңгээлдеги тилде сүйлөгөн.

Давандын калкы жыш болгондугу тууралуу кытай булактары баяндайт. Чоң жана кичи шаарларынын саны жетимишке жетээри, дыйканчылык дурус өнүккөнү ушул булактарга ылайык айгинеленүүдө.

Давандын чарбачылыгы. Албетте, жасалма сугат системасын жолго коюу менен дыйканчылыктын өз доору үчүн өнүккөн деңгээлине жетишүү менен байыркы парганалыктар Чыгыштын отурукташкан цивилизацияларынын арасында татыктуу орун алган.

Байыркы эле доордо Өзгөн-Арык сыяктуу жасалма каналдар курулган. Жасалма арыктар системасы аркылуу дыйканчылыкта эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорку деңгээлге жеткирилген. Б. з. ч. IV–I кк. эле таш жаргылчак менен катар эле тегирмен ташынын сыныгынын табылышы ун даярдоодогу технологиялык секирик орто азиялык башка аймактардан эртерээк жасалганын күбө лөндүрөт.

«Отурукташкан тургундары жер айдашат, күрүч жана бууд ай эгишет, жүзүмдөн жасалган шарабы, көптөгөн татына жылкылары бар», – деп кытайлыктар тамшанып жазган. Беде менен жүзүмдүн мыкты сорттору, пахта да эгилген.

Жылкынын мыкты тектери даярдалганы менен да парганалыктар даңазаланышкан. Беде менен алар кышында колго да багылган. Жылкычылыктагы тектүү жылкыны таза кандуу кылып өстүрүү – кылымдан-кылымга улантылган машакаттуу бир өнөр эле.

Ошондой эле парганалыктар уй, кой, эчки, төө да бакканы, бирок бодо малга азыраак орун берилгени Шоро-Башат археологиялык маданиятынан айгинеленүүдө

(б. з.ч. IV–I кк.).

Парганалыктар кол өнөрчүлүктүн ар кыл тармактарын өнүктүрүшкөн. Алар ар кыл металлдарды, анын ичинде темирди өндүрүүнү билишкен. Карапачылык, токуучулук, зергердик, сөөк иштетүү, кен иштетүү, курулуш ж. б. тармактар өзгөчө өнүгүүгө ээ болгон.

Бек-Абаттын жанында Мончок-Тепе шаар чалдыбарында сөйкөнү куюу үчүн атайын калып да табылган. Карапа идиштерин карапа тегереги аркылуу көп санда жасап, аларды бышырууда көөрүктөр кеңири пайдаланылган («Мархамат археологиялык маданияты», б. з. I– IV кк.). Парганалыктар алтын, темир, сымап ж. б. кендерин өздөштүрүшкөн (Кен-и Гут үңкүрү, Касан-Сай ж. б. кен жайлар).

Сооданын өнүгүшү. Парганалыктар Улуу Жибек жолу калыптана электе эле Азиянын батышы менен Чыгыш Түркстандын ортосундагы соода байланышынын маанилүү түйүнүн ээлешкен (б. з. ч. II кылымдан мурдагы доорлор). Эл аралык соода жолунун таманын дурус пайдаланып, экспорт үчүн да товарлар көп өндүрүлүп турган.

Эл аралык соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө да аракеттенип, жолдорду оңдошкон. Унаа алмаштыруучу, соо дагерлерди тыныктыруучу кербен сарайлар негизделген. Алай өрөөнүндөгү Дароот-Коргон жеринде ошондой байыркы таш пайдубалдуу кербен сарайдын негизи сакталып калган.

«Давандыктар Кытайдан келген алтын менен күмүштү тыйын жасоо үчүн эмес, зергердик буюмдар жасоо үчүн пайдаланышат», – деп кытайлыктар зергерчиликтин биердеги товардык мүнөзүнө таң беришкен. Парганалыктар түндүк африкалык, римдик, батыш азиялык, индиялык, чыгыш түркстандык, кытайлык ж. б. өнүккөн аймактар менен соода жүргүзүшкөн.

Шаар маданияты. Шоро-Башат археологиялык маданияты доорунда (б. з. ч. IV–I кк.) парганалыктар шаар курулушунун жаңы деңгээлине жетишкен. «Чоң жана кичине давандык шаарлар» деп кытайлыктар жалпылап сүрөттөгөндөй, өзгөчө ири аймакты жана чаканыраак аянтты ээлеген шаар чалдыбарлары биздин күндөргө келип жетти.

Парганалыктардын б. з. ч. II кылымдагы байтактысы болгон Эрши шаары менен азыркы тапта Мархамат шаар чалдыбарын окшоштурушууда (Араван дарыясынын өрөөнүндө). Төрт бурчтуу негизи дурус байкалган бул шаар чалдыбарынын узуну 750, туурасы 500 м. Чептин дубалдары мунараларга ээ. 40 гектар жерди ээлеген бул чалдыбар Фергана өрөөнүндөгү эң ири отурукташкан жайлардын биринин калдыгы болуп эсептелет. (Ал эми синолог Л.А.Боровкова: – Эрши шаары азыркы Кокон шаарынын аймагында болсо керек, – деп эсептейт).

Мархаматтан 35 км. алыстыкта чаканыраак шаар чалдыбары (Билавур-Тепе, азыркы Ош шаарынан 8 км.

батышта) жайгашып, ал болгону 1 гектар жерди ээлейт.

Кытайлыктар белгилеген дагы бир чоң шаар – Гуйшуань азыркы Өзбекстан аймагындагы Касан шаары менен окшоштурулууда. (Л. А. Боровкова аны Бек-Абад шаары менен жакындаштырат). Ал эми дагы бир даңазалуу давандык шаар кытайча Ю (Юнчэн) деп окулчу иероглиф менен белгиленген. Байыркы Ю (Юнчэн) шаарын кыргыз окумуштуулары Шоро-Башат шаар чалдыбары менен окшоштурушууда (Өзгөн шаарынан 10 км. алыстыкта Жазы суусунун оң өйүзүндө). Шоро-Башаттын аянты 70 га жерди кучагына алып, ал бизге чейин сакталган парганалык эң ири шаар чалдыбары болуп саналат.

Б. з. ч. I кылымдагы Давандын жаңы байтактысы Гуйшань шаарын Л. А. Боровкова азыркы Ош шаарынын ордунда жайгашкан, – деп эсептейт.

Парганалык чоң-кичине шаарлардын басымдуу бөлүгү бекем коргондор, сепилдер менен курчалып, алардын мунаралары болгон. Жаачан аткычтар үчүн атайын көзөнөктөр да жасалган.

Ири шаарлардан башка да отурукташкан жайлардын жыш системасы – кыштактар болгон. Маселен, Тор жана Кара-Кулжа өзөндөрүнүн кошулган жеринде 8 чарчы км. аянтта эле шоро-башаттык доорго таандык 70тей тургун жайлар жайгашкан.

Алардын чордонунда ортоңку көлөмдөгү шаардын калдыгы болгон Кара дарыя шаар чалдыбары (аянты – 10 га) орун алган.

Давандыктар Кыргызстандагы өнүккөн байыркы шаар маданиятын алгачкы болуп негиздешкен.

Коомдук түзүлүшү. Парганалыктарда социалдык (таптык жана кайсы бир таптын ичиндеги) жиктелүү эрте феодалдык коомго таандык көрүнүшкө ээ болгон. Калыптанып келе жаткан феодалдардын имараттары да өзгөчөлөнүп турган. Алардын айрымдары жүзүм шарабын мол даярдашкан (соода-сатык максатты көздөө тутулса керек).

Коомдук байлыктын негизи эркин жамыятчылар – дыйкандар, кол өнөрчүлөр тарабынан өндүрүлгөн. Айрым жумуштарда кулдар да пайдаланылган.

Парганалыктардын үй-бүлөлүк мамилелеринде патриарх алдык тартиптер үстөмдүк кылган. Ал эми: «Аялдарды кадырлап турушат. Аялы эмне десе күйөөсү аны аткарбай коё албайт» деген тарыхый булактын маалыматы ошол доордо да сөзү өтүмдүү парганалык аялдар болгондугун күбөлөндүрөт. Балким, мындай өзүн эркинирээк туткан аялдар Чыгыш Фергананын тоолуу аймактарынын калкы – жарым көчмөндөр менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Саясий түзүлүшү. Тышкы саясат стратегиясы. Калкы. Даван мамлекетин жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнүн сулалелери башкарган. Падышанын жакын туугандарынан эки жардамчысы – вазири болгон. Мамлекетти жеке башкарса да, падыша өтө маанилүү маселелерди аксакалдар кеңешинде талкуулап турган. Айрым тагдырды чеч ээр учурларда аксакалдар кеңеши падышаны тактыдан четтетип жана ага өлүм жазасын жарыялап коюуга чей ин барышкан. Башка өлкөлөр менен ынтымак түзүү же согуш жарыялоо маселелери да бул кеңештин кийлигишүүсү менен чечилген. Мындай бийлик чектелген монархиялык бийлик катары мүнөздөлөрү белгилүү.

Даван мамлекети Чыгыш Ферганада ар кыл дарыя, өзөндөрдүн өрөөндөрүндө жайгашкан чакан шаар-мамлекеттер, өрөөндүк мамлекеттер биригишинин негизинде келип чыккан. Мындагы оазис өрөөндөрдүн ар биринин акимдик башкаруу чордондору болгон.

Даван мамлекетинин тышкы саясаты, негизинен, коргонуу стратегиясы менен мүнөздөлгөн. Биерде коргонуу жайларынын чыгыш ферганалык өзгөчө айырмалуу үлгүсү кылымдар бою калыптанган. Аскерлеринин саны, кытайлык байыркы булактарга караганда, алтымыш миңге чукул болгон. Жаанын жыгачы сөөк менен бекемделип, жебенин учтары колодон эле эмес, темирден да жасалган (алардын үч кырдуусу да болгон). Согуштарда аргымактарды шамдагай минип, ат үстүндө баратып жаа менен таамай атуу өнөрүнө ээ болушкан.

Илимпоздор Чыгыш Ферганада жарым миллиондон кем эмес адам жашагандыгын болжолдошууда. Ал эми кытайлык булактар Давандын калкын 300 миң адам катары белгилешкен. Антропологиялык жактан Даван калкы Европа сымак белгилери менен айырмаланган. Алардын: «Көздөрү чуңкурайып турат жана сакалы коюу келет», – деп баалашкан кытайлыктар.

Диний ишенимдери. Парганалыктар, жалпы эле орто азиялык башка элдердей эле, табигат күчтөрүнө, алардын арасында Күнгө сыйынышкан. Айрым археологиялык табылгалар парганалыктардын отту да ыйык тутканын көрсөтсө, Оштун Айырмач-Тоосундагы аска бетиндеги аргымактардын сүрөттөрү алардын жылкыга да табынышканын, анын урматына курмандыктар чалынып келгендиктерин ырастайт (кийин да бул диний-тотемисттик түшүнүк кыргыздарда сакталып калган: «Жылкынын ээси (пири) – «Камбар ата» – деп эсептешкен).

Байыркы парганалыктар «тиги дүйнө» бар деп ишенишкен. Ата-бабанын арбагына да сыйынышкан. Жазгы талаа иштеринин алдында ырым-жырым менен байланыштуу оюндар да уюштурулган.

Саясий тарых башаты (VI–III кк.). Парганадагы алгачкы таптык жиктелүүлөр башталып, эрте феодалдык мамле-кеттүүлүк калыптана баштаган доор б. з. ч. VI–III кк. ичин өзүнө камтыйт. Грек тарыхчысы Геродот бул доордун баштапкы мезгилинде орто азиялык «париканийлерди» эскерген. Дал ошол учурда эле парганалыктар өз алдынча этникалык жана саясий биримдиги менен башкалардан айырмаланган болуу керек.

Азырынча Паргананын ирандык Ахеменийлер менен тыгыз алакасы тууралуу ишенимдүү далилдер жок. Паркан (Парган, кийинчерээк – Фергана) өлкөсү Ахеменийлерге ынтымакташ болуп, ага маалы менен белек-бечкек (салыктын көмүскө түрү) төлөп турган учуру да болжолдонууда. Бирок Паргана Иранга түздөн-түз баш ийген эмес.

Македондук Александр б. з. ч. 329–328-жж. Парганага чейин жеткен. Яксарт (Сыр дарыя) дарыясынын өрөөнүн ээлешип, гректер Фергананын батыш өрөөнүн толугу менен көз каранды аймакка айлантышкан. Ал түгүл «Александрия Эсхата» шаары (Кожент аймагында) аскердик таяныч жайы катары пайда болгон.

Арийне, Македондук Александр өлгөн соң, анын түзгөн империясы бытырап кеткен. Орто Азиянын түштүк жана чордондук аймагын өзүнө камтыган Грек-Бактрия падышалыгы (б. з. ч. 250–130-жж. өкүм сүргөн) бир кездеги Александр түзгөн империянын эң түндүк-чыгыштагы өз алдынча бөлүнүп чыккан бөлүгү эле. Ал өз кезегинде Селевкийлерден – Александр Македондуктун таланттуу кол башчысы Селевк I түзгөн мамлекеттен (б. з. ч. 312–64-жж. өкүм сүргөн) ажырап чыккан эле. ГрекБактрия падышачылыгы өзгөчө күч алып турган б.з.ч. 190–180-жж. анын карамагына Орто Азиянын чордону жана түштүгү, Ооганстандын бир кыйла бөлүгү, ТүндүкБатыш Индия кирип турган. Бирок Паргана мамлекети менен Грек-Бактрия падышалыгынын өз ара мамилеси тууралуу ишенимдүү маалыматтар жокко эсе.

Б. з. ч. II к. ортосунда Даван өлкөсү көз каранды эмес мамлекет эле.

Чжан Цяндын Даванга саякаты. Кытайлык императордун йүэчжилерди көздөй тымызын жөнөтүлгөн тыңчысы Чжан Цянь саякатчы-географ катары чоң ролду ойногон. Б. з. ч. 128-ж. Чжан Цянь усундардын жаңы журту – Теңир-Тоодон өз сапарын батышты көздөй уланткан. Нарын дарыясын бойлоп, анан Чыгыш Ферганага (Түштүк Кыргызстанга) түшүп, өзү «Даван» (Даюань) деп атаган мамлекетке туш келди.

Кытайлык саякатчынын тымызын миссиясынын сырын билбеген Даван падышасы Чжан Цянды жана анын жол шериктерин меймандостук менен тосуп алган. И. П. Магидович белгилегендей, дал ушул Фергана өрөөнүндө байыркы эллиндердин (гректердин) жана кытайлыктардын жолдору бири-бирине жалганган – Чжан Цяндан туптуура 200 жыл мурда, б.з.ч. 328-ж. бул өрөөнгө Македондук Александрдын алдыңкы кошуундары келип жеткен эле (орто кылымдарда теңир-тоолук түрктөр Искендер Зулкарнайндын жортуулдарына байланыштырып көптөгөн уламыштарды чыгарышкан. Арийне, грек аскерлери Ферганадан чыгышка илгерилей алган эмес).

Давандын падышасы өзү да Чжан Цяндын жардамына таянып, алыскы Кытай менен соода алакаларын түзүү келечегине үмүткөр болгон. Ошондуктан жан-дили менен Чжан Цянга жол баштоочуну кошуп берип, Каңгүй өлкөсүн көздөй узатып жиберген.

Б.з.ч. 127-ж. Памир жана Алай тоолору аркылуу өз мекенине кайтып жатып, Чжан Цянь Ферганага Кашкар тараптан түшүүчү жолдун да бар экендигине күбө болгон. «Даван жылкыларын» элестетип шилекейи чуурган император У-ди кытайлык баскынчылык жортуулдун маршрутун аныктоодо дал ушу алгачкы саякатчынын так маалыматтарын эске алган.

Б. з. ч. 116-ж. Чжан Цянь экинчи ирет Ысык-Көлгө (Чигу ш.) келишинде өз шакирттеринин бирин Даван мамлекетине аткарып, Кытай менен байланыш түзүүлөрүн өтүнүп, анын падышасына кайрылганы маалым.

Чжан Цяндын Орто Азияга келишинен алда канча мурда эле орто азиялык согду ж. б. соодагерлер (б. з. ч. IV–III кк.) өз кербендери менен Кытайга келип-кетип турушканы болжолдонууда. Ал эми Кытай тарабы үчүн тарыхчы Сыма Цянь жазган төмөнкү баа толук күчүндө сыяктуудай: «Даюандын ишмердүүлүгү бизде Чжан Цяндан тартып белгилүү боло баштаган».

Эңсеткен аргымактар. Кытайлык улуу саякатчы өз аңгемелеринин биринде Хань сулалесинин императору У-диге: «Асмандын аттарынан тукуму уланган жана кан сымал тердеп туруучу буудандар» Даван өлкөсүндө абдан көп экендигин айткан. Алардын таза тукумун жаңыртуу үчүн ала бээлерин бийик тоолордун этегине коё беришет. Кол жеткис тоо аргымактары аларга жакындап, аргындашат. Натыйжада, кан сымал тер менен тердеген татынакай кулундар пайда болот. Кытайлык саякатчы, албетте, таза тукумдуу буудандардын алгачкы ирет алынышы тууралуу элдик уламышты жазып алган.

У-ди болсо бул маектен өзүнө саясий маанини көрдү. Ал таза тукумдуу буудандардан көп алып, атчан аскерлерин жабдып, өзүнүн каардуу жоосу – хуннулардын атчан кошуунунан күчтүүрөөк аскердүү болууну самады. Бирок У-ди жиберген элчилер Даван өлкөсүнөн куру кол кайтып жатышты.

У-динин элчисинин өлүмү. Б. з. ч. 105-ж. Хань императору өзүнүн Че Лин деген элчисин парганалыктарга буудандарды алтын жана күмүшкө сатып келүү тапшырмасы менен жөнөткөн. Императору У-диге жагынып, мамлекеттик олуттуу тапшырманы аткарайын деген Че Линдин ниети таш капты. Ал мындайынан да, тигиндейин ен да түшүндүрүп, парганалыктарды жибитүүгө жандалбастады. Акыры тагилердин муюбаганына ачуусу келип, Че Лин давандык аксакалдарга тил тийгизгени аз келгенсип, «алтын аргымакты» түртүп жиберип кетип калды. Элчиден мындайды күтпөгөн давандыктар өздөрүнүн намысына шек келтирген кытайлык кербезди кууп жетишти. Кербендин байлыгын олжолоп, адамдарын элчиге кошуп өлтүрүп салышты. «Элчиге өлүм жок» деген адатты бузушту, согуш абалыңда болууга даярбыз деген мамилени туюндурган.

Кытайлык алгачкы жортуул. Кубаттуу Хунну дөөлөтүн талкалоого ниеттенип турган У-ди үчүн чакан Даван мамлекетинин кылыгы жакпай калды. Кытайлык тыңчылар: «Өзү атылуучу катуу жебелүү жааларды алган үч миң кытайлык аскерди жиберсе эле, алар бүткүл Даванды жеңип алышаар эле» – деп шыкактап келип жатышты.

У-ди Даван мамлекетине каршы б. з. ч. 104-ж. алты миң аскерден турган даярдыгы начар кошуунду бир нече эси жок жаш адамдарга кошуп жиберди. Кол башчылыкка Ли Гуанли деген адам дайындалган.

– Эрши шаарына жетип, аны басып алып, аргымактарды олжолоп келебиз, – деп чыккан кытай кошууну Чыгыш Түркстан аркылуу жылганда жергиликтүү калк душмандык мамиле кылып жатты. Чарчап-чаалыккан ко шуун Давандын Ю (Юнчэн) шаарына чейин эле жетип, кырчылдашып урушушту. Арийне, аргымактарды алмак тургай, батышка илгерилөөгө чамасы калбай калган кытайлык кошуун б. з. ч. 103-ж. кайтты. Улуу кытай дубалынын батыш учуна, Дуньхуанга кошуундун болгону бештен бир гана бөлүгү келди. Ал түгүл Бань Гу: «Дуньхуанга ар бир он аскердин бир-экөө гана келип жетти», – деп жазган.

Даванга экинчи жортуул. Алгачкы жортуулдун майнапсыз аякташы Хань сулалесинин кадырын түшүргөн. Ошон үчүн император күч топтоого киришти. Б.з.ч. 102-ж. ал кайрадан Ли Гуанлини кол башчы кылып дайындап, ага 60 миң аскер, 30 миң ат берип жүрүшкө аттандырды.

Даван мамлекетинин падышасы Мугуа деген адам эле. Ал Эрши шаарындагы байтактысында бейкапар отурду. Алгачкы жортуул учурунда чарчап-чаалыгып келген кытай кошуунун эстеп, өзүнөн өзү тозгон бул аскерлер эмне кыла алмак эле. Анын үстүнө хуннулар да күчтөнүп алышты, – деп ал эсептеген.

Ли Гуанли өз аскерлерин эки топко бөлүп, Улуу Жибек жолунун Чыгыш Түркстандагы Түндүк жана Түштүк тарамдары менен алып өткөн. Кытайлык аскерлер Алай аркылуу Фергана өрөөнүнө түшүшкөн.

Кырк күндүк салгылашуу Эрши шаарынын айланасында болду. Шаарды камалап, кытайлыктар ага суу алып келчү нукту буруп салышкан. Акыры сарткы дубал буздурулуп, баскынчылар шаар ичине кирип келишти.

Падыша Мугуа согушта курман болду.

Сепилдин ичинде калгандар кытайлык кол башчы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүштү. Алар өлкөнү эгемен калтырууну сурап, акысына аргымактарды бере тургандыктарын билдиришти. Эгер буга баскынчылар көнбөсө, анда кашык кан калгыча урушуп, жоо колуна тийгизбей, аргымактардын бирин калтырбай жок кылып салууга даярбыз дешти парганалыктар.

Кытайлыктардын экинчи бир колу Ван Шэньшен деген миң башынын жетекчилиги астында Ю шаарын камалаган. Күүгүмдө аңдоостон аларга кол салып, бул шаард ын калкы кошуунду бүт кырып салды. Азганактай гана аскер Ли Гуанлиге качып келген. Жаңыдан жиберилген жазалоочу Ю шаарын кармаш менен басып алган. Бул шаардын беги Кангүй мамлекетине качып барган. Бирок кытайлыктардан оолак болууга шашкан кангүйлүктөр аны жоосуна кармап беришип, ал бек кытайлыктардын колунда набыт болгон.

Даван мамлекети согушту өзү жалгыз жүргүзгөнбү? Кангүй өлкөсү обочо калган, Усун мамлекети сөз жүзүндө болсо да Кытай менен ынтымакта эле.

Кытайлык тарыхчылар маалымдагандай, Эрши камалоо астында калганда шаар ичинде «даңиндик» атайын адистер кудук казышкан экен. Айрым изилдөөчүлөр бул адистерди байыркы грек инженерлери, Грек-Бактрия падышалыгынан келип кол кабыш кылган адамдар катары баалашууда («Дацинь» топоними менен Рим империясын кытайлыктар аташканы да маалым).

Уруштун натыйжасы. Даярдыксыз турган чакан Даван мамлекетин өзгөчө көп аскердүү колу менен келип Кытай басып алды. Айтмакчы, Ли Гуанлиге алгачкы жүрүшкө чыгардан оболу б. з. ч. 104-ж. эле «Эршинин жеңүүчүсү» даражасы ыйгарылып коюлганы кызык.

Кытайлыктар өзүнө ыңгайлуу адам катары Моцай дегенди Даванга падыша кылып коюшкан. Бирок аксакалдар кеңеши ага муюган эмес жана Моцай «жалпы макулдашуунун негизинде» өлтүрүлүп салынган. Парганалыктар өз тактысына маркум Мугуанын бир тууганы Чань Фын деген адамды кытайлыктардан сурабай эле коюп коюшту. Бул Даван мамлекетинин саясий өз алдынчалыгы сакталып калгандыгын айгинелейт.

Жортуулдан Кытайга аскерлеринин алтыдан бири – 10 миң жоокер, болгону 1 миң аскер аты кайткан. Давандын үстүнөн болгон жеңиш Кытай үчүн моралдык гана мааниде эле. Бирок ушуга канаагат кылып, император У-ди «Давандын батышында жайгашкан» бир нече өлкөгө өзүнүн жеңишин даңазалоо үчүн жана «ажайып нерселерди таап келүү максатында» өз элчилерин сапарга аттандырган.

Давандын борборунун көчүрүлүшү. Кытайлыктар бүлгүн салып кеткенден кийин Давандын падышалыгы өз борборун Эрши шаарынан чыгышыраакка – Гуйшаньчэнге («Аздектелген тоонун этегиндеги шаарга») которгон. Анын так жылы беймаалым, бирок б. з. ч. I кылымдын ичинде Давандын байтактысы катары Эрши эмес, Гуйшань гана эскерилген (тарыхчы Бань Гу). Борбор шаардын чыгышка жылышы Давандын батышындагы Кушан мамлекетинин күчтөнө башташы менен да байланыштуу болуусу мүмкүн. «Аздектелген тоо» – азыркы Сулайман тоо болушу да толук ыктымал (Ош ш.).

Даван б.з.ч. I кылымда. Теңир-Тоонун батыш этегиндеги жана  Чыгыш Ферганадагы Даван мамлекети б.з.ч. I кылымда көз каранды эмес жашоосун уланткан. Кытайлыктар эми аларга катылууга чамасы жеткен эмес.

Б. з. ч. 77–75-жж. Шаньшань (Крорайна) аймагынан Кытайга бара жаткан давандык элчинин кербени талоонго түшкөнү Бань Гу тарабынан эскерилет. Б. з. ч. 65-ж. Кытайдан Чыгыш Түркстан аркылуу Давандык бир «мейман» кайтып кеткени жазылып калган.

Кытайлыктар менен дурус мамиле түзбөгөн кангүйлүктөргө карата Давандын саясаты тынч коңшулаштык деңгээлде жүргөнүн боолголоо мүмкүн.

Б. з. ч. 42–36-жж. аралыгында Даванга түндүк хуннулардын шанүйү Чжичжи бир сыйра чапкын менен келип кеткен. Бирок тарганалыктар көз каранды эместигин сактап калышкан.

Б.з. I–II кк. Даван өлкөсү. Жаңы замандын алгачкы кылымдарындагы Даван өлкөсүнүн саясий тарыхы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Б. з. I к. ортосунда (46–56-жж. аралыгында) Даванды Чыгыш Түркстандагы Жаркент өлкөсүнүн беги Хянь деген адам убактылуу каратып алганы маалым. I к. акыркы он жылынан тартып, Даванды Кушан дөөлөтү өзүнө көз каранды кылган. Бул баскынчылыктан давандыктардын качан бошогондугу маалым эмес. Б. з. II кылымынын башында (105-ж.) кушандыктардын Алай аркылуу өтүп, Чыгыш Түркстандын бир кыйла аймагын басып алганын эске алсак, 90–105-жж. Даван Кушанга туруктуу баш ийип турганын айтууга болот.

Даван б.з. III–V кк. Чыгыш Ферганадагы чакан мамлекет б.з. III кылымдан V кылымдын ортосуна чейин өз алдынчалыгын сактап турган.

Б. з. 270-ж. анын элчиси кытайлык Батыш Цзинь мамлекетине келген. Ал эми 379-ж. анын элчиси Эрте Цинь мамлекетинин баш калаасына келсе, 436-ж. Вэй падышалыгынын элчиси Дун Вань Полона (Давань) өлкөсүнө келгени маалым, 437-ж. парганалыктар (Полона) Вэй падышасына өз элчисин жиберишкен.

V кылымдын орто ченинде Фергана өрөөнүн толугу менен эфталиттер өзүнө каратып алышкан.

Каңгүй (каңгы) мамлекети

Сыр дарыянын ортоңку агымынан азыркы Талас өрөөнүнө жана Төмөнкү Чүйгө чейин кеңирсип жаткан аймакта б. з. ч. III к. акыры – б. з. V кылымдар ичинде Каңгы (Каңгүй) мамлекети жайгашкан. Албетте, бул өлкөнүн чек арасы ар кыл заманда чоңоюп же кичирейип тургандыгы маалым.

Каңга, Каңгы, Каңкар, Каңгүй. Орто азиялык калктардын эң байыртадан булактарда эскерилген этникалык аталыштарынын бири – Каңгы экендигин билебиз. Байыркы чыгыш ирандык «Авеста» аттуу диний чыгармада «Канка», «каңга», «Кандиз» (канг кыштагы) сөздөрү топоним же этноним катары учурайт (б. з. ч. I миң жылдыктын алгачкы жарымы).

Сыр дарыянын оң жээгинде жана чыгышыраакта жашаган каңга уруулары, орто азиялык башка уруулар сыякт уу эле Ахеменийлер доорундагы ирандык булактарда «сак» деп жалпылаштырылып аталышкан. Персеполдо, Ирандын байыркы борборунда, табылган алтын жана күмүш тактачаларда «согдулардын аркы тарабында жашоочу сактар» деген түшүнүк бар, дал ушу сактарды жазууда каңгы эли жөнүндө сөз кылынган (б. з. ч. VI–V кк.)

Ал эми грек, латын тилдеринде жазган байыркы антиктик тарыхчылар жана географтар орто азиялык калктарды Түндүк Кара деңиз жээгиндеги калктар сыяктуу эле жалпы «скиф» деп атап коюшкан.

Маселен, рим аалымы Плиний (23–79-жж.) өз китебинде: «Ирандыктар аларды (скифтерди) өздөрүнө жакын жашоочу уруунун аты менен «сактар» деп аташат», – деп жазган. Көрүнүктүү астроном жана географ Птолемейдин (90–180-жж.) чыгармасында «Яксарт» деп аталган Сыр дарыянын боюнда «Чоң яксарт» же «кандар» деп аталган эл аты да учурайт.

Байыркы кытайлык жылнаамаларда Согду мамлекетине, Даван падышалыгына коңшу болгон өлкөнү «Кангүй» деп аташкан ( б. з. ч. I – б. з. I кк.). Бул маалыматтар алардан кийинки кытай тарыхчылары тарабынан да кайталанып кошумчаланган.

Байыркы индиялык дастан – «Махабхарата» (Бхарат урпактарынын эрдиктери баяны») деген чыгармада (б. з. ч. X–VIII кк.) байыркы индиялык арийлердин бир ашына түрдүү өлкөлөрдөн өкүлдөр чакырылганы айтылат. Келген меймандардын арасында сактар гана эмес, канкалар да болгон. Биз азырынча байыркы булактар менен токтололу (орто кылымдарда фарсы, араб, түрк, инди, грек ж. б. булактарда да Каңгы өлкөсү жана эли тууралуу ар кыл маалымат кезигет).

Б. з. I миң жылдыгында Каңгы өлкөсүндө жашаган эл «каңгар» деп аталган («каңгы», «эр» сыяктуу түрк этнонимдериндей эле каңгар этноними да «ар» («эр») компоненти менен аяктаган. Бул сөз алгач уруулук жалпылыкты, кийин элди туюнткан компонент эле. «Эр» сөзүнүн башка бир мааниси – «Эркек киши» катары азыркы кыргыз тилине сакталып кетти. Патриархалдык (эркек бийлеген) доордо дал ушу «эр» сөзүнүн этнонимди түзүүдө пайдаланылышы түшүнүктүү эле нерсе.

Ал эми «Каңгы» сөзү байыркы доордо «суу», «өзөн», «дарыя» маанисин бергени болжолдонууда. Өзбек этнограф аалымы Карим Шаниязов бул «кан» сөзү индоевропалык тилдерге таандык эле, – деп эсептейт. Бирок байыркы жана орто кылымдардагы түрк элдери дарыяны «Кем» деп аташкан, байыркы ирандыктар сууну «аб», чоң дарыя ны – «драйа», «дарйа» деп атаган. Демек, бул сөздүн негизи индоирандык эмес. Мүмкүн, «Каңгы» сөзү прототүрк жана протоугорфин тилдеринде сүйлөгөн Орто Азиянын түндүгү – Казакстан талааларында жашаган б.з.ч. I миң жылдыктагы уруулардын тилинде «дарыэ» маанисин берген термин болушу ыктымал. Кийин «Каң» сөзү түрктөрдө «Кем» болуп өзгөргөн (азыркы Саян-Алтай тилдеринде – Хем, Кем деп Энесайдын жогорку башаттык бөлүктөрү аталат).

Сыр дарыянын байыркы аталышы. Чыгышында Нарын дарыясынан башат алып, Кара дарыя менен кошулуп, Сыр дарыя атыккан Орто Азиядагы эң ири дарыялардын бири байыркы доорлордо ар кыл элдердин тилинде ар башкача аталган. Байыркы ирандык диалектилердин биринде Сыр дарыянын ортоңку жана төмөнкү агымы «Йахшарт» («йах-ша арта» – «нукура таза бермет») деп аталган. Бул сөздүн маанисин кийинчерээк кытайлыктар да угуп, «Чжэнь-чжи-хэ» – «Нукура бермет дарыясы» деп аташкан. Кытайлык алгачкы компонент түрк төргө да термин катары кирип, Сыр дарыянын ортоңку агымын б. з. VIII к. алар «Йенчу-өгүз» – «Бермет дарыясы» деп атаганы да маалым.

Орто кылымдарда орто азиялык түрктөр бул дарыяны «Сыр» деп аташкан (азыр – Сыр дарыя).

Демек, байыркы ирандык диалектилерде «йахшарт» аталышы колдонулган. Аны байыркы гректер «Яксарт» деп китептеринде жазып калтырган. Бирок Казакстан талааларында жана Сыр дарыянын ортоңку агымында сактар менен коңшу жашаган протоугорфин (азыркы финн, венгр, мордва ж. б. элдердин ата-теги) жана прототүрк уруулары сактар сыяктуу «Йахшарт» дебестен, дарыяны «Кан» деп гана атаган («Каңгы» – анын башка варианты).

Каңгы эли кандай бөлүктөрдөн турган? Каңгы дарыясынын боюндагы эл өзүн «каңгы эли» деп атаган, орто кылымдарга, биердеги калк толук түрктөшкөн кезде (б.з. VI–VIII кк.), ушул аймакта пайда болгон жаңы этникалык жалпылык «каңгар», «кеңгерес», «каңгылы» деп атала баштаган.

Ал эми б. з. ч. I миң жылдыкта Сыр дарыянын ортоңку агымынан Талас суусунун өрөөнүнө чейинки көчмөн калк индоирандык диалектиде сүйлөгөн сактардын кайсы бир бөлүгүн, батышка – Урал тоолору тарапка оогон протоугор-финндердин калган-каткан бөлүгүн, улам Алтай-Ыртыш аймагынан жана Чыгыш Теңир-Тоодон илгерилеп прототүрк урууларын өзүнө камтыган. Өзүнөн түш түктөгү сактар менен баарлашууда алар, албетте, индоирандык диалектилерди эл аралык баарлашуу тили катары пайдаланышканын божомол кылууга мүмкүн.

Эгерде б. з. ч. I миң жылдыктын алгачкы жарымында Орто Азиянын түндүк аймактарында европа сымак белгилери бар адамдар абсолюттук басымдуу санда жашашса, акырындап, б. з. ч. I миң жылдыктын экинчи жарымында, монгол сымак белгилүү компоненттердин келиши көбөйгөн. Демек, жазма тарыхка дурустап түшпөсө да, антропологиялык маалыматтын негизинде, протоугор-финн жана прототүрк урууларынын түндүктөн жана түндүкчыгыштан ооп келиши аз-аздап күчөй бергени далилденет (Өзбекстандык антропологдордун акыркы изилдөөлөрү Арал деңизинин батышын жана түштүк-чыгышын – Сыр дарыя боюн жердеген калк б. з. ч. I миң жылдыктын ортосунан тартып, монгол сымак белгилерге көбүрөөк ээ боло баштаганын аныктады).

Каңгы өлкөсүнүн калкы б. з. ч. I миң жылдыктын акырында кайсы тилдерде сүйлөгөнүн так кесе айтуу кыйын. Алар бир нече тилдүү калктардан турган. Каңгүй лөрдүн хуннулар менен өзгөчө жакын аскердик ынтымагын эске алсак, алардын арасында хуннулар сыякт уу прототүрк тилдеринде сүйлөгөндөр жашагандыгын да божомол кылууга болот.

Каңгүй өлкөсүнүн чарбасы. Археологиялык маалыматтарга таянып, Каңгы (Каңгүй) өлкөсүнүн б. з. ч. III – б. з V кылымдардагы чарбачылыгы тууралуу жалпы түшүнүк алууга мүмкүн.

Жалпысынан, Кангүй – көчмөндөрдүн мамлекети экендигин кытай тарыхчысы Сыма Цянь белгилеген. Арийне, кытайлыктардын өзгөчө жакын коңшулашы – хуннулардан айырмаланып, Каңгы эли жарым көчмөн турмушта жашашкан. Кышкысын алар жайгашкан чакан кыштактар болгон. Жайкысын каңгы эли бир жерден экинчи жерге жайыт которуп турган.

Мал чарбачылыгы негизги чарба тармактарынан болгон. Бодо мал жана кой багышкан. Жылкылар мал багуу үчүн унаа жана аскердик унаа максаттарында өстүрүлгөн.

Малдын жазгы, жайкы, кышкы жайыттарынын өзгөрүшүн дыйкандар өздөрү үчүн ыңгайлуу кылып пайдаланууга аракеттенген – мал күздөөгө түшкөнгө чейин эгин оруп-жыйылып алынган.

Мындан улам көчмөн мал чарбачылыгына эриш-аркак дыйканчылык да өнүккөнүн баамдоого кыйын эмес. Азыркы Түштүк Казакстандагы Каратоо аймагында, Ташкент, Чимкент, Жамбыл шаарларынын жанында, Ангрен, Арыс ж.б. жайларда табылган шаар чалдыбарлары биерде б.з.ч. III кылымдан тартып отурукташкан калктардын кыштактары жана шаарлары болгондугун айгинелейт.

Дыйкандар Каңгы өлкөсүндө арпа, буудай, таруу, шалы, ири буурчак (нокот) ж. б. дан өсүмдүктөрүн эгишкен, ошондой эле багбанчылыгы менен да айырмаланган.

Шаар жана кыштак калктары кол өнөрчүлүктүн ар кыл тармактарын өнүктүрүшкөн. Албетте, дыйканчылыкка жана мал чарбасына керектүү шаймандар жасалган. Кездеме токуучулук, карапачылык, зергердик буюмдары да, бул аймактагы археологиялык казууларда арбын табылууда.

Каңгүй өлкөсүнүн аймагы металл иштетүү жагынан да ыңгайлуу эле. Карамазар, Курама, Чаткал тоолорундагы металл кендеринен эң байыркы доорлордон жез, күмүш, темир сыяктуу металлдар казылып, алгачкы иштетүүдөн өткөн жана ар кыл буюмдар, кылыч, канжар, айбалта, найза менен жебенин учтары сыяктуу согуш куралдары ушул эле аймактарындагы колу чебер өнөрчүлөрдүн мээнети менен жабдылып турган.

Соода иши. Каңгүй өлкөсүнүн ичинде башка көчмөн жана жарым көчмөн калктардын өлкөлөрүндөгүдөй эле натуралдык алмашуу усулунда өнүккөн. «Улуу Жибек жолу» менен б. з. ч. II кылымдан тартып тыгыз байланышкан бул өлкөдө Батыш менен Чыгыштын ар кыл буюмдары табылууда.

Жонарык көрүстөндөрүнүн жетинчи коргонунан б.з.ч. II кылымда Бактрияда (Түндүк Ооганстанда) жасалган жез күзгү табылган. Чыгыш Европа маданияты менен байланыштуу жез төөнөгүч (б. з. ч. I – б. з. III к.) да ушул эле жайдан табылууда. Каңгүй элчилери менен кошо соодагерлери да Кытайга келип-кетип турушкан. Хань сулалесинин аймагы менен тыгыз байланыштар түзүлө электе эле Ортоңку Чыгыш (Иран), Түштүк Азия (Индия), Жер ортолук деңизи Рим империясы менен тыгыз соода алакаларын Каңгүй өлкөсү жүргүзүп турган («Махабхарата» дастанындагы индиялык арийлерге каңгылардын өкүлүнүн аш аземине баргандыгы тууралуу маалыматты эстегиле).

Шаарлар. Кытай булактары каңгы элин көчмөн деп эсептеген менен, алардын шаары да бар экендигин четке какпайт. Археологиялык казуулар да Сыр дарыянын ортоңку агымынан Талас өрөөнүнө чейинки аралыкта бир катар ири жана кичине шаарлардын, кыштактардын болгондугун айгинелөөдө. Азыркы Ташкент шаарынын чөлкөмүндө эле жүздөн ашуун тургун жайдын орду табылууда. Алардын арасында Каңкы, Кавардан Кулата, Коончутепе, Төрткүлтепе, Далварзинтепе, Миңөрүк, Актепе, Аккоргон сыяктуу ар кыл көлөмдөгү шаар чалдыбарлары бар.

Жалпысынан, каңгүйлүк шаарлар бийик, калың дубалдар менен курчалып, анын сыртынан чуңкурураак аң казылган. Шаар ичинде башка тургундардын жайынан – шааристандан айырмаланып, өзгөчө сепил тургузулган.

Коргонуу системасынын бекемдиги жана окшоштугу шаар куруу өнөрүнүн жогору өнүккөндүгүнөн кабар берет. Би йик дөбөлөрдө жайгашып, коргон менен бекемделген шаар лардын атыбарында майда кыштакчалар жайгашкан. Аларда 2–3 бөлмөлүү, сокмо дубал менен тургузулган үйлөр болгон. Камышы көп жайларда жалаң камыштан жасалган үйлөр тургузулганы божомолдонууда.

Кыштак калкы согуш жагдайы маалында шаар чебинин ичине качып келип, өз аймагынын саясий чордону болгон шаарды коргоого катышышкан.

Коомдук түзүлүш. Каңгүй мамлекети – азыркы Казакстандын түштүгү, Өзбекстандын жана Кыргызстандын түштүк-батышы тараптагы эң алгачкы эрте феодалдык мамлекет болгон. Анын өзгөчө жактарынын бири – көчмөн, жарым көчмөн жана отурукташкан калктардын симбиозу (бири-бирине жолтоо болбой, кайра өз ара толуктаган эриш-аркактыгы) менен айырмаланган өлкө эле.

Таптык жиктелүүнүн эрте доору бул өлкөдө да дурус байкалган. Шаар калкынын социалдык иерархияга жараша ички сепил ичинде, же анын сыртындагы шааристанда, же таптакыр эле шаар коргонунун тышында жашашы буга дурус далил боло алат.

Негизги өндүрүүчү таптар – керт башы эркин дыйкандар, малчылар жана кол өнөрчүлөр болгон. Коңшу өлкөлөрдүн коом дук түзүлүшүнүн деңгээлине салыштыруу менен Каңгүй мамлекетинде кошумча, негизги эмес жумуштарда үй кулдары да пайдаланылганы тууралуу божомолдоого болот, коомдук байлыктын пайдасын ак сөөктөрдүн ар кыл катмары көргөн.

Саясий бийликтин түрү. Каңгүй мамлекетин анын падышасы бийлеген. Демек, биерде да жеке бийлик (монархия) өкүм сүргөн. Хань сулалесинин тарыхы чагылдырган кытайлык тарыхчылар Каңгүй падышасынын бир мертебе өз аксакалдары менен кеңешкени тууралуу эскерет. Демек, падышанын бийлиги өтө зарыл мамлекеттик маселелерди чечүү учурунда Аксакалдар кеңеши тарабынан чектелип турган.

Саясий бийлик көчмөн каңгы урууларынын колунда болгон. Падышанын көчмөн турмушка жакындыгы анын эки борбор жайга ээ экендигинен айгинеленет. Негизги байтактысы «Битянь шаарында» экендигин Бань Гу эскерет. Бирок жайкы ысык маалда бул шаарда туруудан качып, Каңгүй падышасы андан бир кыйла алыс Фаньнэй аттуу башка жерди ордо кылып турганы ушул эле кытай тарыхчысы тарабынан белгиленген. Эки (жайкы-кышкы) ордо түзүү салтын баштаган байыркы түрктөрдүн бабаларынын бири – акырындап түрктөшкөн ирандык, угор-финндик бөлүктөрү бар каңгы эли болгондугу ушул фактыдан өзгөчө көрүнөт.

Б. з. ч. II–I кк. Каңгүй мамлекетине бир катар жаңы аймактар көз каранды болуп калган. Маселен, кытайлык булактар Каңгүй мамлекетине караштуу беш вилайетти (дубанды) эскерген: Сусе, Фумо (Фуму), Юйну (Йуни), Цзи (Ги), Юйүзянь. Алар ички бийлик начардаган айрым саясий кырдаалда өз алдынча бектикти түзүп турганы болжолдонууда.

Каңгүй мамлекетинин саясий тарыхына байланыштуу негизги окуялар. Каңгүй мамлекетинин негизделишине чейин б.з.ч. VI к. отузунчу жылдары Аралдан Жети-Сууга чейинки аймактарда жашаган көчмөндөр Ахеменийлердин алдыңкы кошуундары менен таанышышкан, аларга каршы согушка катышышкан. Б. з. ч. IV к. жыйырманчы жылдарынан тартып алар македондук-гректик баскынчылар менен каршылашышкан.

Тарыхчы Арриандын жазганына караганда, өзүнө Сыр дарыянын оң жээгинен келген «скифтерди» Македондук Александр кабыл алып, алар менен кошо жөнөтүлгөн грек элчилерине бул «скифтердин жашаган жерлеринин жаратылыш шартын, аба ырайын, алардын санын, кулкмүнөзүн, согуш жарактарын үйрөнүү» сыяктуу тыңчылык милдеттерди да тагат.

Б. з. ч. IV к. акырында ар кыл уруулар Сырдарыя жана Жети-Суу аймагында өз ара согуш ынтымагын түзүп, андан соң ал ири уруу бирикмесине өсүп чыгат. Аларды грек жана рим тарыхчылары «сакараука» деп аташкан («тез кыймылдоочу сактар» же «нурданган сактар» деп которулуп жүрөт). Бул ирандык булакка таянып айтылган этноним, арийне, Сыр дарыя менен Жети-Суунун өзүнүн калкынын өздүк аталышы эмес. Кытайлык булактагы «каңгүй» аты бул бирикменин нагыз аталышынын кытайлаштырылып айтылган варианты катары каралса болот.

Б. з. ч. III к. башында уруу бирикмесинин негизинде Каңгүй мамлекети келип чыккан. Анын аймагына Сыр дарыянын ортоңку жана төмөнкү агымы, Талас суусунун өрөөнү, Чүй суусунун төмөнкү агымы кучагына алынган ири аймак кирген. Албетте, бул кеңири аймакта ар кыл тилде сүйлөгөн жана чарбачылыгы менен да айырмаланган уруулардын болгондугун белгилөө керек.

Б. з. ч. II к. акырында Каңгүйлөр чыгышында – усундар менен, түштүк-чыгышында – Даван мамлекети менен, түштүк-батышында – согдулар менен чектешип турган. Б. з. ч. I к. Каңгүй мамлекетинин калкы 120 миң түтүндөн, 600 миң адамдан тургандыгы кытайлык булактар аркылуу маалым.

Кытайлык баскынчылар б. з. ч. 104–101-жж. Даван өлкөсүнө жортуул жасаган маалда Каңгүй мамлекети түздөн-түз кийлигишкен эмес. Бирок б. з. ч. I к. Чыгыш Түркстандагы антикытайдык саясат жүргүзүлгөн өлкөлөр менен дурус мамиле түзүп турган. Ал түгүл Усун мамлекети Кытай тарапка өзгөчө ык койгон доорлордо Каңгүй хуннулардын түндүк канаты менен ынтымакташып, усундарга каршы саясат жүргүзгөн.

Чжичжи-шанүйдү усундарга каршы пайдаланыш үчүн атайын чакырып, Каңгүй падышасы ага өз кызын берип, «тууганчылыкка негизделген» согуш ынтымагын түзгөн (б. з. ч. 48-ж.). Каңгы-хунну биргелешкен кошуундары б. з. ч. 42-ж. усундардын байтактысы Чигу шаарын да ээлеп алышып, талап-тоноп кайтышкан.

Чжичжи-шанүй Талас боюна парфиялыктардын жардамы менен чеп курганда каңгылар менен анын мамиле си сууй түштү. Арийне, б. з. ч. 36-ж. Чжичжи-шанүй же тектеген түндүк хуннулардын Талас өрөөнүндөгү бөлүгүнө кытайлык аскерлер чабуул жасаганда Каңгүй мам лекетинин колу хуннулар тарабында салгылашкан. Бул урушта түндүк хуннулар толук талкалангандан кийин гана Каңгүй мамлекети Кытай менен ынтымакташ болуу сунушу менен Хань сулалесинин императоруна өз элчисин жиберген.

Арийне, Каңгүй падышасы бул элчилик аркылуу тек гана соода ишин жолго коюуну максат кылгандыгын кытайлык аткаминерлер дурус түшүнгөнү кытай булактарынан белгилүү.

Б. з. I к. Каңгүй падышалыгы Кушан империясы менен алака түзүп турган, ал түгүл Кушандын бийлик эгеси Каңгүйдүн падышасынын кызына үйлөнгөн. 80-жылдары кытайлык кол башчы Бань Чао жетектеген Хань кошуундары Чыгыш Түркстандагы өлкөлөргө кайра жорт уул жасаганда, каңгы аскерлери да баатырларча салгыл ашып, кытайлыктарды оор абалга такаган. Кушан падышасынын өтүнүчү менен гана каңгы аскерлери Кашкардан чыгарылып кеткен.

287-ж. кытайлык Батыш Цзинь падышалыгына алыскы Каңгүйдөн элчилер келген. 379-ж. Эрте Цинь аттуу кытайлык өлкөгө да каңгылардын элчиси келгени маалым. 437-ж. каңгылардын өлкөсүнөн (кытай булактары эми бул өлкөнү «Чжэше» деп белгилейт) Вэй аттуу кытайлык падышалыкка дагы бир элчилик келген.

V кылымдын соңунда орто азиялык башка аймактар сыяктуу эле Каңгүйдүн жери да эфталиттердин таман астында калган. Каңгылар андан соң Түрк каганатынын калктарынын бирин түзүп, жалпы эле түрк элдеринин этникалык орток башатын түзгөн компоненттерден болгон.

«Кыргыз» этнониминин мааниси

Кыргыздардын теги. Кыргыздардын тарыхын башка түрк жана монгол элдеринин тарыхы сыяктуу эле терең изилдеп, өз кези үчүн мыкты билген окумуштуу-академик В. В. Бартольд (1869–1930) төмөнкү баасын жазат: «Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринен болуп эсептелет. Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен, азыркы убакта, сыягы өзүнүн аты тарыхта мынчалык эрте эскерилген бир дагы башка эл жок көрүнөт».

Кыргыздардын теги жөнүндө сөз жүргөндө алардын түрк элдеринин бир бутагы экендиги тууралуу жалпысынан шек жок. Айрым европалык окумуштуулардын (К.Менгес ж. б.) кытай булактарындагы кыргыздардын сырт кы өң-түспөлү тууралуу үзүл-кесил кабарга негизденип, кыргыздарды түрктөшүп кеткен европа сымак элдердин урпактары катары божомолдогону да белгилүү. Арийне, бүгүнкү индо-европа тил түркүмүндө сүйлөгөн калктар ар кыл расага таандык болуп калганы сыяктуу эле, түрк элдеринин ата-бабасы да б. з. ч. II миң жылдыкта (алар жазма тарыхта чагылдырыла электе эле) европа сымак жана монгол сымак расалардагы этностордун өз ара жуурулушуу мейкиндигинде жашашкан. Демек, прототүрк диалектилеринин биринде сүйлөгөн кыргыздар б. з.

ч. II миң жылдыкта эле бул эки расанын контакттык (өз ара жуурулушкан) белгилерин өзүнө камтыган эл болгон.

«Кыргыз» аты. Кыргыздардын өзүнүн өзүнө берген аты (эндоэтноними) – «кыргыз» сөзү түрк тилдеринин гана негизинде чечмеленүүчү мааниге эгедер.

«Кыргыз» сөзүн чечмелөөдө анын ар кыл варианттары бар экендигин эске алуу керек. «Элдик чечмелөө» («элдик этимология») деңгээли жана илимий чечмелөө – бирибиринен кескин айырманалат. Эгерде «элдик чечмелөө» ар кыл уламыштарга, жомокторго, сөздүн маанисинин болжолдуу жакындаштырылышына негизделсе, ал эми илимий чечмелөө – тилдин байыркы кыртышына негизденүү менен тарыхый чындыкты аныктоо аракети жагынан айырмаланат.

Өз элинин тарыхын терең үйрөнүүгө ынтызар адам бул эки жагдайды тең эске алышы керек.

«Элдик чечмелөө». Эски доорлордон калган элдик чечмелөөнүн бир түрү – «кыргыз» этнониминен «кырк» деген сандын маанисин ажыратуу менен айырмаланат. Бирлери – «кырк гуз» (кырк огуз уруусу), экинчилери – «кырк жүз» (казактын «жүз» деген уруу бирикмеси сыяктуу бирикмелердин кыркы), үчүнчүлөрү – «кырк кыз» сөзүнөн келип чыккан деп жоромол кылышат.

Ошондой элдик уламыштардын эң эскилеринин бири XVI кылымда «Тарыхтардын жыйындысы» – «Маджму ат-таварих» аттуу фарсы тилинде жазылган ферганалык Сайф ад-Дин Ахсыкенти деген молдонун эмгегинде чагылдырылган. Өзгөндүн тоолорунда жашаган огуз урууларына айтылуу султан Санжар кол салган имиш. Бул султан деле башка бир огуздардын бийлик эгеси болгон. Бул алааматта кырк огуз гана тирүү калып, Коженттин жанындагы тоолорго барып баш калкалаган. Ушул кырк огуздан («кырк гуз») кийинчерээк кыргыздар келип чыккан – деп эсептеген аксылык молдо Сайф ад-Дин.

Ал эми айтылуу түркмөн ханы жана тарыхчысы Абултазы Бахадур хан (XVII к.) өзүнүн «Түрк санжырасы» – «Шежере-йи түрк» деген эмгегинде кыргыздарды Огуз хандын Кыргыз аттуу небересинин урпактары катары баяндайт. Бул түшүнүк да кыргыздарды огуз урууларынын бир бөлүгү катары эсептеген элдик уламыштар менен байланыштуу. Осмонаалы Сыдык уулу (1875–1940), Талып молдо Байболот уулу (1849–1949) сыяктуу кыргыздын бир катар санжырачылары да уламыштык Огуз хандын кыргыздардын байыркы ата-теги катары билишкен.

«Кырк кыз» менен кыргыздын ата-тегин байланыштырган уламыштардын бири төмөнкүдөй. Илгери-илгери бир падыша болгон экен. Анын кызы (бек бийке) жана кызынын кырк кенизеги – аны дайыма коштоп жүрүүчү күң кыздары болгон. Падыша өз кызын эч кимге көрсөтпөй багып чоңойткон. Күндөрдүн биринде сейил куруп жүргөн кыздар өзөн жээгине (бөлөк варианты боюнча – көл жээгине) барышат. Суудагы көбүктү көрүшөт. Ага таң калып, суу чачышып ойноп, көңүл ачышат. Кийинчерээк ошол көбүк менен ойногон кыздардын боюна бүтөт. Каарданган падыша аларды ээн тоого жеткиртип таштайт. Ошол кырк кыздан туулган балдардын урпактары кийин кыргыз элин түзгөн.

Кытайды монголдор бийлеп турган доорду чагылдырган «Юань сулалеси тарыхы» – «Юань ши» деген кытай тилинде жазылган эмгекте да кырк кыз тууралуу айтылат. Кытайлык кырк кыз илгерки бир замандарда Ус жергесине (огуздардын арасынан) – түндүк тарапка барып калган экен. Алардын Ус өрөөнүнүн эли менен болгон никесинен таралган урпактар – кыргыздар имиш. («Ус» топонимин кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур «огуз» деп түшүндүрүүгө аракеттенет.)

Бул уламышты жазган кытай тарыхчысы: – Ки-ли-кицзы (кыргыз) – бул элдин тилинде «кырк кыз» дегенди туюндурат, – деп өз жоромолун бекемдөөгө аракеттенген жана «кыргыз» этнониминин өзүндө да «кырк кыз» түшүнүгү камтылган деп эсептеген.

Башка бир уламышта кырк кызын өзүнө нөкөр кылып жүргөн бир бек бийке кызыл тайганды кубалап ойногону айтылат. Кийинчерээк алардын боюна бүтүп, кырк кыз менен кызыл тайгандан таралгандар кыргыздар болгон имиш.

Бул уламышка XIX–XX кылымдардагы кыргыз санжырачылары арданышканы, аны четке кагышканы маалым. Бирок байыркы кыргыздарды «бөрүдөн таралган» деген кытай булагында жазылган уламыш да бар. Дагы салыштырып көрсөк, кайсы бир кыргыз уруусу өзүнүн тегин Бугу эне менен байланыштырса, башкасы – багыш менен, үчүнчүлөрү илбирс менен ж. б. тотемдик (сыйынуучу) жаныбарлары менен байланыштырышкан. Чокон Валиханов эскергендей, тибеттиктер да өз тегин ит менен байланыштырган. Усундардын жана алтайлык түрктөрдүн, кийинчерээк – монголдордун уламышында да өздөрүнүн бийлик эгеси көк бөрү менен байланыштырылып (анын сүтүн ичкен же андан төрөлгөн деп) сыпатталганы маалым. Кызыл тайган жана кырк кыз уламышы кайсы бир доордо айтылганын чычалабай билип жүрүү эп. Бул уламышта, демек, «кырк кыз» түшүнүгү өзөк катары пайдаланылган.

Ал эми кытайлык кыргыз санжырачысы Үсөйүн ажы (1916-ж. туулган) Кыргыз байыркы Огуз хандын кичи аялынан туулган Деңиз хандын урпагы болгон деген санжыралык уламышты эске алат. Арийне, өзүнүн пикирине караганда, «кыргыз» сөзү «кыр гез» («кыр икши») деген сөздөн өзгөртүлүп калган имиш. Байыркы түрктөрдүн Калач хан аттуу падышасы болуптур (чынында мындай хан жок, бирок калач, халач аттуу түрк эли болгон – Авт.). Баласы чоңойгондо чечек чыгып, бети чаар болуп калганда Калач хан буга арданып, кырк кенизекти кошуп туруп, адам көрбөгөн тоонун арасына «кыр кез» («кырды кезип оокат кыл») деп таштап салыптыр. Тоо мекендеген бул адамдардан (кырк кыз менен Калачтын уулунан) кийинчерээк кыргыз эли пайда болгон.

Демек, Үсөйүн ажынын вариантында кырк кыз идеясы «кыр гез – кыргыз» этимологиялык жоромолу менен айкалыштырылып берилген.

Анвар Байтур жазып калтырган кытайлык кыргыздардын санжыраларынын биринде Кара хандын уулу Огуз хандын жыйырма төрт небереси болгон делет. Алар бир көк бөрүнү өлтүрмөкчү болушат. Көк бөрү Теңирге жалынып кыян, сел жүргүздүрөт. Жыйырма төрт огуздун эң кичүүсү бийик тоого качып аман калат. Бул «кыр огуздан» кийинчерээк кыргыздар тараган имиш.

Айтмакчы, жогорураакта айтылган «кырк кыз жана көбүк» уламышындагы «көбүк» сөзүн казак акыны Олжас Сулейманов «көбөк», «көпөк» («дөбөт») сөзүнүн өзгөрүлгөн түрү деп эсептейт. Сибирдеги тоболдук татарлар да өзүнүн тегин Ак көбөк (Ак дөбөт) менен байланыштырган. Түрктөрдүн «ногой» этноними да монголчо «нохой» – «ит» сөзүнөн келип чыккан. Демек, кыргыздын ар бир санжыралык уламышын башка элдердин санжыралары менен да салыштыруу кызыктуу маалыматтарды жана бүтүмдөрдү берет.

Кыргыздын айрым уруулары исламга тартыла баштаган доордо (X–XV кк.) кыргыз теги тууралуу уламыштар ислам динин таратуучулар менен да байланыштырыла баштаган. Маселен, «Маджму ат-таварих» деген жогоруда айтылган XVI кылымга таандык эмгекте исламдын сопу тарыкатынын баштоочуларынын бири Шейх Мансур ал-Халлаж (өзүн «Ана-л-хакк» – «Мен – Акыйкатмын! Мен Кудаймын!» – деп жарыялаган сопу; 858–922-ж.ж. жашаган) кыргыздардын Коженттеги бөлүгүнүн жол баш чыларынын атасы катары сыпатталган. Кыргыздын Лур-хан жана Лур-бузург (Аз-хан жана Аз-бузург) деген жол башчылары да ушул Ана-л-хакк (Шайык Мансур) деген адамдын уулдары имиш. Кыргыз санжыраларында «Ана-л-хакк» сөзү «Аналак» деп, «Шайык Мансур» аты «Шаа Мансур», «Самансур» деп өзгөрүлүп колдонулган учурлар да көп.

Тарыхчы Анвар Мокеев илимге белгилүү кылган XIX кылымдагы «Шажара-йи насаб-наме-йи илатийа» – «Элеттиктердин тек жайы (жана) санжырасы» аттуу автору белгисиз кыргызча эмгекте Ана-л-хакктын ысымы толугу менен «Шейх Мансур Халлаж» деп жазылган.

Абдыкерим Сыдык уулу (1889–1938) жазып калтырган санжыралык вариантта Шамансур деген такыба адам жана карындашы Анал жөнүндө сөз жүрөт. Күндөрдүн биринде Шамансур бир жакка кетип калып жүргөн Аналдын артынан ээрчип, үңкүргө келет. Биерде жородо отурган жаштар аны акелеп-жакелеп жатып шарап ичиришет. Шамансур кызып калат да: «Ана-л-хакк, Мен хам хакк», – деп айта баштайт. Башкача айтканда: «Анал да Акыйкат, Мен да – Акыйкатмын», – дейт. Аны уккан молдолор: «Бул өзүн Кудайга (Акыйкат – Алланын ысымдарынын бири) теңеп жатат», – деп ханга даттанып айтып келишет (Бул санжырада катачылык бар: «Ана-л-хакк» деген арабча сөз «Мен – Акыйкатмын» деп кыргызча которулат, бирок андагы «Ана-л…» бөлүгү кыздын ысымы катары айрым санжыраларда чаташтырылып айтылып калган – Авт.).

Анал менен Шамансурду хан өлтүртүп, сөөгүн өрттөтүп, күлүн сууга сапырышат. Суу хан сарайынын көлмөсүнө куюп, анын көбүгүнө хандын кырк кызы жуунуп, бойлоруна бүтөт. Ошол кыздардын отузунан кыргыздын отуз уул (оң канат) жана оңунан – он уул (сол канат) бөлүктөрү пайда болгон имиш.

Жалпысынан, мусулман доорундагы кыргыз санжыралары адамзаттын баарысынын ата-теги Адам атага жана Обо энеге барып такалат, – деп түшүндүрөт. Адам атанын тукумдарынын бири Нух пайгамбар (библиялык Ной). Топон суудан соң Нух пайгамбар өзү сактап калган жакындары, жан-жаныбары жашоосун улантат делет жомокто. Нухтун үч уулу – Хам, Сам (Сим), Иафас (Йыфет) болгон экен. Йафастын уулдарынын бири Түрк болгон делет түрк элдеринин мусулмандык санжырасында. Кыргыз санжырачылары дал ошол Түрк Йафас уулунун урпактарынын бири – Кыргыз болгон, демек, Кыргыздын түпкү ата-теги башка элдердикиндей эле Адам атага барып такалат деп эсептешкен.

Дал ушундай жоромол аркылуу мусулман кыргыз санжырачылары Кыргыз ата эң байыркы учурларда жашаган деген бүтүмгө келишкен. Маселен, Осмонаалы Сыдык уулунун пикирине караганда: «Кыргыз дүйнөгө Мухаммедден – Ага бейкуттук жар болсун! – 3400 жыл мурун келген. Азыр 4700 жыл чамалуу болуп калды» деген бүтүм туура көрүнгөнсүйт. Ал эми Талып молдо Байболот уулу: «Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү болгон Огуз хандын бир небереси Кыргыз деген киши экен», – деп санжырасына жазат.

Тоголок Молдо (Байымбет уулу, 1860–1942) жазган санжырада Нух пайгамбардын үчүнчү баласы Жапистин (Йафас) уулу – Түрк. Анын сегизинчи муундан тукуму Огуз хан. Анын уулдарынын бири – Кыргыз. Түрк атанын тогузунчу муундагы урпагы болгон Кыргыздан тараган эл: «Мындан мурун 2700 жыл чамасында дайындуу», – деп баяндалган.

Айтылуу кыргыз тарыхчыларынын бири Белек Солтонкелди уулу Солтоноев (1878–1938): «Кыргыздар хижрадан (мусулман заманынан) 3400 жыл мурун чыккан Огуз хандын небересинен таралганына караганда алар эл эски улут экендигинде шек жок», – деп жазуу менен бирге 3400 деген эсепке өзүнүн күмөнү, шеги бардыгын да белгилей кеткен.

Тыянактап айтканда, «кыргыз» сөзүнүн жана кыргыз тегинин келип чыгышы тууралуу элдик чечмелөөлөрдү, ар кыл уламыш, аңыз, жомокторду билип жүрүү пайдалуу. Бул уламыштар аталарыбыз, чоң аталарыбыз, бабаларыбыз дайыма өз тарыхына кызыгып жүргөндүгүн айгинелейт. Алар санжыралар аркылуу өз уругун, уруусун гана чечмелебестен, кыргыздын, түрк элдеринин жана жалпы адамзатынын пайда болушунун башаты тууралуу ой жорутуп келген. Демек, дүйнө тарыхын, анын ичинде кыргыз тарыхын алар оозеки жана жазма санжыра аркылуу чагылдырган.

Бирок бул «элдик чечмелөө» аркылуу гана «кыргыз» сөзүнүн келип чыгышы тууралуу маселени чектеп коё албайбыз.

Илимий чечмелөө аракеттери. «Кыргыз» этнонимин илимий чечмелөөнүн өзгөчөлүгү – кыргыздардын болжолдуу ата-теги сыяктуу уламыштарга таянылбастан, түздөн-түз «кыргыз» терминин ар кыл бөлүктөргө (компоненттерге) «жиликтеп» ажыратып түшүндүрүүсүндө болуп саналат. Бул жоромолдун ынанымдуулугу анын илимий негизи лингвистикалык (тил илимине тиешелүү), ономастикалык (энчилүү аталыштарды изилдөө илимине тиешелүү) өзөгүнүн туура же калпыс иргелишине байланыштуу.

  • кылымда бурят аалымы Доржи Банзаров (1822–1855) «кыргыз» этноними «кырк» санынан жана көпчүлүк санды түшүндүрүүчү «-ыз» куранды мүчөсүнөн турат деген жоромолун жазган (1840). Бирок «кырк» термини өзү эле санды көрсөтүп турса, ага да көпчүлүк санды билдирүүчү куранды мүчө кошулмак беле, – деп анын жоромолуна башкалар макул болбоду. Ал эми академик Василий Васильевич Радлов (Фридрих Вильгельм Радлофф, 1837– 1918) өз эмгегинде «кыргыз» этноними «кырк» санынан жана «йүс» («жүз») санынан жалгашкан деген пикирин билдирет. Өзбектердин көчмөн урууларынын бири болгон Кыркмен-йүз уруусу эки бутактан – кырк уругу менен йүз уругунан турганын, Алтайдагы түрк урууларынын ичинде да йүс уруусу бар экендигин, казактардын үч ордосу өз алдынча улуу, орто, кичүү жүздөргө бөлүнөрүн В.В.Радлов учкай эскерте кетет.

Башкыр чыгыш таануучусу, профессор Ахмед Зеки Велиди Тоган «кыргыз» этнониминин байыркы түрү «кыркыр» же «кыркер» болсо керек, – деп түкшүмөлдөйт.

Каракалпак этнографы жана адабиятчысы Давлен Айтмуратов болсо дароо эки вариантты сунуш кылат: Биринде «кыргыз» сөзүнүн уңгусу «кырагыз» – «кара эл», «кара чачтуу эл» деген эң байыркы түшүнүктөн келип чыккан болсо керек, – деп түкшүмөлдөсө, экинчи вариантында – «гыз» деген акыркы муунду фарсы тилиндеги «гис» – «өрүлгөн чач» деп которуп, «кыргыз» – бул «кара» жана «гис» сөздөрүнөн кошулган, «өрүлгөн кара чач» дегенди туюнткан, – деп жоромолдойт. Албетте, бул жоромол да өзүнүн жасалмалуулугу менен айырмаланат.

  • к. 50–80-жылдары окумуштуулардын айрымдары «кыргыз» этнонимин мурдагыдай «кырк» саны менен эмес, түс менен түшүндүрүүгө умтулганы Д. Айтмуратовдун жоромолунан (1986) көрүнүп турат.

Тарыхчы Константин Иванович Петров (1920–1988) «кыргыз» этноними байыркы түрктөрдүн «кыргу – кырыг» (б. а., «кыргыз») деген сөзүнө көпчүлүк санды туюнтуучу «-ыз» мүчөсүнүн биригишинен келип чыккан, – деп түкшүмөлдөгөн (1964-ж.).

К. И. Петров сунуш кылган «-ыз» мүчө иш жүзүндө көптүк санды эмес, жуптук санды (маселен, «эгиз« сөзүндө) туюндурган, – деп аны түрколог Николай Александрович Баскаков сынга алат. Бирок К. И. Петровдун «кыргы-кырыг» сөзү «кызыл» түстү туюндурган деген пикирин Н. А. Баскаков колдоого алат. «Мында түс аркылуу дүйнөнүн төрт тарабынын бири элестүү берилиши мүмкүн эле» деген жоромолдоого жетеленип, Н. А. Баскаков «кыргыз» этнониминин «кырыг» + «огуз» – кызыл огуздар, б. а., түштүк огуздар (же батыш огуздар) деп түшүндүрүүгө аракет кылат.

Кийинки жоромолдо кызыл түсү аркылуу жердин багыты аныкталат (түштүк багыттагы жер же болбосо батыш багыттагы жер).

Ал эми академик Андрей Николаевич Кононов (1906– 1986) болсо «кырыг» (кызыл) түстү жер багыты менен эмес, элдин антропологиялык өзгөчөлүгү, кебете-кешпири, жүзү менен байланыштырууга аракет жасаган (1970-ж.). Чынында да куу кижи (сары киши) деген алтайлык уруу бар, сары уйгур деген эл бар. Түрк элдеринде этноним түс менен байланыштырылган мисалдар арбын. Ушундан улам А.Н.Кононов сары чач, албырган жүз, көк көзү болгон байыркы кыргыздардын сырткы кешпири «кыргын» – «кыргыт» – «кыргыз» түрүндөгү элдик аталышка ээ болуу га шарт түзгөн деген пикирди тутат. Анын оюнча «кыргын», «кыргыт», «кыргыз» сөздөрү бир эле маанини

– «кызылдар», «албырган жүздүүлөр» дегенди туюнткан.

Демек, мында «кыргы» («кызыл») компонентине кошулуп айтылган «-ын» (вариант: «-ыт», «-ыз») мүчөсү тек гана жалпылоочу маанини берген куранды мүчө эле.

(Түстү саясий мааниде пайдалануу азыр да бар экени төмөнкү мисалдан айгиленелет: «жашылдар» деп азыркы кезде табигатка астейдил мамиле жасоону, экологиялык тең салмактуулукту сактоону же калыбына келтирүүнү мүдөө кылган адамдардын уюмдары аталат. Чынында бул адамдар ар кыл расага таандык жана эч качан кебете-кешпирлери жашыл түс менен байланышсыз эмеспи).

Демек, илимий түшүндүрүү аракеттери да «кырк огуз», «кырк эр», «кырк уруу» деген жоромолдордун тобунан жана «кырк» санынын ордуна прототүрк тилинин болжолдуу «кырыг» («кызыл түс») сөзүнө байланыштырылган жоромолдордун тобунан турууда.

Тыянак. Бул китебибизде тигил же бул илимий жоромол бардыгынан өзгөчөлөнүп, чындыкка жакын турат деген пикирди таңуулабайбыз. «Кыргыз» этноними түрк тилдеринин негизинде гана этимологиялык жактан (түпкү, башаттык кыртышын табуу өңүтүнөн) чечмелениши акыйкатка төп экендигин гана эскертебиз.

Мунун артында чоң маани жатат. Демек, кылымдарды карытып сакталып келген элдик аталышыбыз – «кыргыз» сөзү элибизге жана бабаларыбызга сырткарыдан берилген аталыш эмес, тектеш тилдерде сүйлөгөн уруу-уруктардын ичинен эле кайнап чыккан этноним болуп саналат.

Кыргыз этнонимин, дагы бир ирет эскертсек, жалгыздап түшүндүрүү эч мүмкүн эмес. «Огуз» этнониминин түпкү башатын иликтөө, «уйгур», «он огур» этнонимдеринин сырына жетүү, байыркы түрктөрдүн «булгар», «сувар», «хазар» сыяктуу аталыштарынын окшош белгилерин чечмелөө айланып келип кыргыз этнонимин чечмелөөнүн туура же тескери багытта экендигин тескөөгө жардам берээри шексиз.

Демек, «кыргыз» этнониминин маанисин чечмелөө чыгармачылыгы, илимий аракеттери улантылууда.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты

Кыргыздын байыркы Ата Журту. Ар бир элдин баарынан ыйык сезилген асыл нерсеси – эл катары өзүн сактоого жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген Мекени (Ата Журту) болот.

Ал эми XX кылымдын акырына чейин өзүн улут катары сактай алган калк кылымдар бою ар кыл элдер менен мамиледе болгон, ар кыл аймактардан келген этностук бөлүкчөлөрдү өзүнө жуурулуштурган татаал компоненттүү, көп тарамдуу тарыхтуу улут болуп саналат. Мындай улуттун Ата Журту каерде?

Тарыхта эң эски бабалары жердеген аймактан көп узабай жашаган калктар да маалым, ошондой эле журт которуунун (миграциянын) натыйжасында таптакыр башка континентке барып байырлап калган элдер да маалым.

Ал эми кыргыздар бул элдердин кайсынысына кирет? Эгерде тарыхый Борбор Азия мейкиндиги деген кеңири түшүнүккө Ирандын чыгышынан жана Каспийден Түндүк Кытайга чейин жана Түштүк Сибирден Тибет, Пакистанга чейин кеңирсиген ири аймакты алсак, негизинен, ушул алкакта жашаган ар кыл элдер кыргыздар менен этностук алака түзгөнүн жыйынтыктап айтууга болот.

Бирок «кыргыз» наамынын өзүн тутуп келген алгачкы уруулар, заман өтүп – уруу бирикмеси, акыры жүрүп мамлекети бар эл болуп өсүп чыккан. Эң байыркы кыргыздардын Ата Журту каерде болгондугун тарыхый маалыматка таянып, конкреттүү көрсөтүүгө туура келет.

Демек, азыркы кыргыздардын жалпы бабаларынын тарыхый жашоо аймагы ири Борбордук Азия мейкиндиги менен аныкталат. Ал эми «кыргыз» атын илгертеден өзүнө ыйгарып келген уруунун, уруу бирикмесинин, элдин тарыхый журту бул мейкиндиктин чакан гана бөлүгүнө таандык.

Дал ошо байыркы кыргыздардын чакан журту кайсы борбордук азиялык аймакта болгон?

Ар кыл пикирлер. VI–XIII кылымдарда Кыргыз каганаты (каган башкарган мамлекет) Түштүк Сибирде – Энесай дарыясынын өрөөнүндө жайгашканы маалым. Мындан улам көпчүлүк тарыхчылар тээ байыртадан эле протокыргыздар Түштүк Сибирде жашаган деп эсептеп жүрүшөт.

Хуннулар доорунда кыргыздар азыркы Монголиянын түндүк-батышында, Кыргыз көл (Хиргис-Нур) деген көлдүн атырабында жашаган. Б. з. ч. I кылымдын ортосунан тартып кыргыздар Энесай өрөөнүнө жыла баштаган деген пикир да бар.

Айрым илимпоздор кыргыздарды Энесай менен Теңир- Тоонун арасында ары-бери көчүп жүрө беришкен деген боолгоолорун да ортого коюуда.

Совет доорунун акыркы жыйырма жылында, өзгөчө 80-жылдары Энесайды кыргыздын тарыхый мекени катары кароо саясий жактан чеки, натуура деп эсептелип, расмий китептерге Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы киргизилбей калган учурлар да болду. Азыр мындай тарыхты бурмалоо четке кагылууда.

VI кылымдан ХШ кылымдын башына чейин өкүм сүргөн Энесай Кыргыз каганатын азыркы кыргыз улутунун тарыхый баскычтарынын ажырагыс бир бөлүгү катары кароо акыйкат экендигин бүгүн көпчүлүк тарыхчылар жазышууда. Ал эми 70–80-жылдары бул пикирди Өмүркул Караев, Юлий Сергеевич Худяков, Виктор Бутанаев, Имел Молдобаев, жазуучу, академик Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу айрым гана советтик изилдөөчүлөр тутуп калган учурлар да болгон.

Байыркы журт – Теңир-Тоо. Энесай Кыргыз каганаты б. з. VI кылымынан тартып өкүм сүргөнү маалым. Ал эми бул доорго чейинки байыркы кыргыздардын журтун аныктоо өзүнө астейдил мамилени талап кылат. VI кылымга чейинки археологиялык маданияттар (алардын соңкусу – Таштык маданияты) Энесай Кыргыз каганаты доорундагы археологиялык маданияттан кескин айырмаланары байыркы кыргыздар Энесайга кечирээк көчүп келгендигин айгинелейт.

Энесайга байыркы кыргыздар кайсы жерден көчүп келди экен. Монголиянын түндүк-батыш тарабынанбы?

Белгилүү кыргыз таануучу, профессор Юлий Сергеевич Худяков акыркы кездердеги археологиялык жаңы маалыматтарды жалпылоонун жана кытай жазмасындагы булактарды кайрадан иликтөөгө (Л. А. Боровкова) таянуунун негизинде жаңы тыянакты илимге тартуулады. Кыргызнор көлүнүн аймагындагы эстеликтерди археологиялык изилдөө – биерде б.з. ч. доордо кыргыздар болбогондугун далилдөөдө.

Байыркы кыргыздардын алгачкы бизге белгилүү Ата журту катары Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк тарабы болгондугу тууралуу жаңы бүтүмдү Ю. С. Худяков ишенимдүү далилдер менен тастыктоодо.

Археологиялык изилдөөлөр, Чыгыш Түркстанда кеңири жүргүзүлө элек. Өзгөчө көчмөндөрдүн маданияты дурус иликтене элек. Бирок колдо болгон маалыматтар Чыгыш Түркстанда жана анын түндүк аймактарында – Чыгыш Теңир-Тоодо ар кыл этностор жашагандыгын айгинелейт.

Б. з. ч. I кылымдын ортосундагы саясий окуяларды сыпаттап жатып, кытай тарыхчысы Бань Гу төмөнкүдөй тарыхый-географиялык маалыматты берет: «Кыргыздардан (цзянькунь) чыгышта 7 миң ли узактыкта (хуннулардын) шанүйлөрүнүн ордосу жайгашкан, ал эми батышта – 5 миң ли узактыкта – Чеши орун алган». Бул маалыматтын чаташкан жерлери да бар экендигин эске алып, бирок мында кыргыздардан чыгышта – хуннулар жайгашканын, кыргыз жеринен түштүгүрөөктө – Чеши (Турпан ойдуңунун өлкөлөрү жана шаарлары) орун алгандыгын айтууга болот. Чешиден (Турпандан) түндүккө карай кетчү жол азыркы кезде биз учак (самолёт) менен учкандай түптүз түндүккө меридиан боюнча жасалуусу эч мүмкүн эместигин эске алуу керек. Табигый татаал географиял ык шарттарда кербен үчүн ылайык жол издөө бүтүндөй бир тоо кыркаларын айланып өтүүгө байыркы адамдарды аргасыз кылган.

Кербен жол Турпандан дароо түндүккө эмес, түндүкбатышка гана жылууга мүмкүндүк берет. Демек, байыркы кыргыздардын жери Турпан ойдуңунан түндүк-батышта орун алган.

Кыргыздардын аймагы б. з. ч. I кылымдын ортосунда усундардын чыгыштагы жерлеринен саал түндүгүрөөктө жайгашкан. Чжичжи-шанүй кыргыздардын аймагында күч топтоп алып, усундарга жортуул жасап турган. «Эгерде цзянькундар (кыргыздар) менен усундардын жерлеринин ортосундагы аралык өтө чоң болсо, анда Чжичжиде мындай узактыкка согуштук жортуулдарды жасоо үчүн экономикалык жана аскердик күч-кубат жетишпес эле», – деп эсептейт чыгыш таануучу Л. А. Боровкова.

Демек, кыргыздардын аймагы б. з. ч. I кылымда алыскы Энесайда эмес, Турпандан түштүк-батышыраакта жана Теңир-Тоонун чордонун ээлеген усундардан түндүкчыгышыраакта орун алган. Кыргыздардын бул аймагы Борбордук Азиянын ири мейкиндигин ээлеген «ТеңирТоо» аттуу тоо кыркаларынын сист емасынын чыгыш кыркаларынын биринен орун алган.

Л. А. Боровкова жана Ю. С. Худяков эң акыркы изилдөөлөрүндө байыркы кыргыздардын бул чыгыш теңир-тоолук журту азыркы чыгыш түркстандык Карашаар жана Манас шаарларына түндүк жагынан коңшу болгондугу тууралуу тыянакка келишти. Боро-Хоро аттуу тоо кыркасынын түндүгүндө, Дзосотин-Элисун чөлүнөн батышыраакта б. з. ч. I кылымдын ортосунда кыргыздар жашаган. Жалпысынан, көчмөн элдин жүздөгөн жана бир нече миң чакырым жерге орун которуп жашоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүгү болгондугун эске алсак, Чыгыш Теңир-Тоонун жалпы эле түндүк тараптагы (тескейлик) аймактары кыргыздардын жана алардын тарыхый коңшуларынын бизге маалым алгачкы журту катары эсептелээрин айта алабыз.

Өткөн кылымда Чокон Валихановдун, Н. А. Аристовдун биздин доорго чейин эле Теңир-Тоо аймагы менен кыргыздардын байланыштуулугу тууралуу айтылган ар кыл божомолдору, А. Н. Бернштамдын тээ б. з. ч. I кылымдын ортосунда хуннулар менен кошо кыргыздардын алгачкы толкуну Теңир-Тоого жеткен деген жоромолу жаңы маалыматтар, жаңы тыянактар менен улантылууда. Кыргыздар байыркы замандарда Энесайдан келбей эле, Чыгыш Теңир-Тоодо жана ага жакын түндүгүрөөк аймактарда жашаганы тууралуу бүтүм акыйкатка төп келет десек болот.

Байыркы кыргыздардын чарбачылыгы. Байыркы кыргыздардын чарбасы тууралуу кытай тарыхчылары түздөн-түз кабар берген эмес. Арийне, кыргыздардын чыгышындагы хуннулар жана батышындагы усундар менен бирдей эле мейкиндикте жашап, көчмөн турмуш таризинде болгон кыргыздардын негизги чарбасы – мал чарбачылыгы экендиги тууралуу бүтүм кылууга болот. Орто кылымдарда да көчмөн чарбачылык кыргыздардын негизги чарба тармагы бойдон кала берген.

Чыгыш Түркстандын түндүгүндө жайгашкандыктан, отурукташкан жана негизинен дыйканчылык менен кесиптенген калктарга коңшу болуу кыргыздардын арасында кандайдыр бир даражада жарым көчмөндүк шартты жаратып, айрым жатакчылар эгин эгүү менен да кесиптенишкени тууралуу боолголоо мүмкүн. Айтылуу «Манас» дастанында да кыргыздардын Чыгыш Түркстандын шаардуу аймактарынан аштык айдоого үйрөнгөнү тууралуу эпизоддор да кыскартылган. Бир нече кылымдардан бери, ал түгүл мамлекеттүүлүккө чейинки доордон бери келе жаткан кыргыз тарыхы жомок түрүндө ширетилген бул дастандын ушул окуясы өзүнө көңүл бурууга арзыйт.

Орто кылымдардын эрте доорунда Энесайды жердеп калганда да дыйканчылык кыргыздардын чарба тармагынын бири катары орун алгандыгы айгинеленүүдө. Анын алгачкы башаты кыргыздардын Чыгыш Теңир-Тоодо кезинде эле пайда болгону тууралуу бүтүм жасай алабыз.

Албетте, кол өнөрчүлүктүн тармактары кыргыздардын көчмөн турмушунда тиричилик үчүн керектүү заттарды, буюмдарды жасоо максатында да колдонулбастан, ошол эле учурда өнөрдүн да булагы болгон. Тери ийлетүү жана ултаруу, кийиз жасоо, оймочулук, чийди же камышты пайдаланып, алачык же байыркы боз үй сымал башпаана жайларын куруу, кылычты, жаа огун, тиричиликке керек шаймандарды, зергердик жасалгаларды жасоо үчүн металл иштетүү ж. б. кол өнөрчүлүктүн түрлөрү байыртадан кыргыздарга таандык жогору өнүккөн кесиптерден эле.

Коомдук түзүлүшү. Байыркы кыргыздар б. з. ч. III кылымдын акырына чейин кандай коомдук баскычта жашаганы тууралуу так дарек жок. Шарттуу түрдө гана (колдо жазма маалымат болбогондуктан), ошол доорлордо кыргыздар уруулардын ири саясий бирикмесин түзүп тургандыгы тууралуу божомолду айта алабыз. Башка коңшу элдерден алар айырмаланып тургандыктан, ырааттуу түрдө кыргыздардын элдик аталышы ар кыл иероглифтер менен кытай булактарында жазылып келген.

Б. з. ч. III к. акырында кыргыздар Борбордук Азиядагы көчмөндөр цивилизациясынын кубаттуу дөөлөтү – Хунну мамлекетинин курамына кирген. Дал ошол кезден тартып кыргыздардын коому эрте таптык деңгээлге жеткен, ар кыл социалдык катмарларга жиктелүүсү күчөгөн. Хуннулардын койгон адамы маалы менен салык чогултуп, зарыл болсо аскер күчүн топтоп турган. Хуннуларга көз каранды болбой калганда да кыргыздардын социалдык жиктелүүсү андан ары улантыла берген.

Карапайым көчмөндөр – калктын негизги катмарын түзгөн. Кыргыздардын тарыхый коңшуларын салыштырып үйрөнүү менен ошол доорлордо эле кыргыздарда үйбүлөлүк деңгээлдеги кулчулуктун көрүнүшү орун алганын боолголой алабыз. Арийне, керт башы эркин малчылар, кол өнөрчүлүк менен жана жатакта аштык айдоо менен кесиптенгендер коомдук байлыктын негизин өндүрүп турган.

Кыргыздар урууларга, уруулар ичинде уруктарга жиктелишкен. Уруулар бир эле учурда жамыяттык башкаруу бирдиги, аймактык акимчиликтин бирдиги жана аскердик күч топтоо бирдиги болуп кызмат кылган. Алгачкы жамыяттык түзүлүш доорунан айырмаланып, уруулук бирикмелерге жалаң гана кандаш бир туугандардан түзүлгөн уруктар камтылып чектелбестен, башка урууга же башка коңшу элдерге таандык өкүлдөр да каратылып, жуурулушуп турган.

Ошентип, б. з. ч. III кылымдын акырында – б. з. ч. II кылымдын ичинде кыргыз коому эрте таптык жиктелүү доорун баштан өткөргөн. Патриархалдык-уруулук түзүлүштүн да көптөгөн калдыктары ийкемдүү өзгөрүүгө учурап, сакталып кала берген.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты. Коом ар кыл таптарга – ири социалдык катмарларга жиктелген доордо пайда болуучу саясий ыкмал (институт) – мамлекет болуп саналат. Мамлекеттин максаты жалаң гана коомдун ички саясий, социалдык, экономикалык, маданий өнүгүүсүн, бейкуттугун, туруктуулугун камсыз кылуу менен чектелбейт. Мамлекет сырткы коңшулардан да өз коомунун бүтүндүгүн, көз каранды эмес жашоосун, сырткы дүйнө менен пайдалуу алыш-беришин жүзөгө ашыруус у керек.

Мамлекетти башкаруу – көрүнгөн гана адамдын колунан келбейт. Эрте мамлекеттердин башчылары мурдагы уруу аксакалдары, уруу жол башчылары сыяктуу тажрыйбалуу, сөзгө чечен, акылдуу, айлакер, аскердик өнөргө да шыктуу адамдардан иргелип пайда болгон. Мындай адамдар өтө оор кара жумуштардан, күндөлүк тиричиликтин көйгөйлөрүнөн бошотулуп, саясий башкаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейген. Байып, малай жумшап, бош убакытын жер өңүтүн үйрөнүүгө, аскердик өнөргө, коңшу уруулардын жана калктардын жагдайын байкоого жумшаган жогорку катмардын – ак сөөктөрдүн өкүлдөрү мамлекет башчысына акыл кошуп, кеңеш айтып турган. Бул үчүн бийлик эгесинин мезгил-мезгили менен чакырган жардамчы органы – Аксакалдар кеңеши ыңгайлуу эле.

Көчмөндөрдүн эрте таптык доордогу мындай чектелген монархиялык мамлекети кыргыздарга да таандык болгон.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү кайсы доордон башталган? – деген суроо азыр да илимий талаштарды пайда кылууда. Илимпоздордун басымдуу көпчүлүгү 90-жылдарга чейинки жана азыркы бир катар эмгектерде кыргыз мамлекеттүүлүгү б. з. VI кылымдан тартып (Энеcай Кыргыз каганатынын доорунан бери) өнүгө баштайт деген жоромол кылышууда.

Сунуш кылынып жаткан окуу китебибизде бул маселенин эки жагы бар экендигин эскертебиз.

Биринчиден, өзүн «кыргыз» деп атабаган, бирок кыргыздарга жуурулушкан ата-бабаларыбыздын бир катары (хуннулар, усундар, теңир тоолук сактар, парганалыктар, каңгүйлүктөр) б. з. ч. III–II кылымдарда эле эрте феодалдык мамлекеттерди негиздешкен. Алардын саясий тарыхы – азыркы кыргыз ж. б. тектеш, коңшулаш элдердин орток тарыхый башаты болуп саналат.

Экинчиден, байыртадан эле өзүн «кыргыз» деп атап келген тарыхый ата-бабабыз Энесай каганаты дооруна (б.

з. VI–XIII к.к. башы) чейин эле алгачкы мамлекеттик түзүлүшкө негиз салышкан. Кыргыздардын байыркы мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында хунндардын да чоң ролу болгон. Жалпысынан, кыргыздар мамлекеттүүлүк түзүлгөн коомдук баскычка б. з. ч. III кылымдын акырынан кеч эмес убакыттан бери көтөрүлгөн, – деп бүтүм кыла алабыз.

Модэ-шанүй жана кыргыздар. Кытай тарыхчысы Сыма Цянь жана аны пайдаланган кийинки тарыхчылар жазгандай, ири мамлекетти түзүүгө умтулган хуннулардын бийлик эгеси Модэ-шанүй б. з. ч. 201-жылдын аралыгында түндүккө жана түндүк-батышка жортуулга чыккан. Ал бир катар мурда кытайлыктар эскербей келген калктарды – хуньүй, цүйше (күйше), динлин, кыргыз, синьли деген элдерди каратып алууга жетишкен.

Бул элдердин ичинен кийин да көп эскерилген, байыркы түрк этносторунун бири катары көрсөтүүгө толук мүмкүн болгон элдер – динлиндер менен кыргыздар эле.

Модэ-шанүйгө баш иер маалда кыргыздардын өз алдынча мамлекети болгон же болбогону тууралуу так маалымат жок. Бирок Модэ-шанүйдүн кол астында болуу – хуннулар бийлеген кеңири мейкиндиктеги көп улуттуу мамлекетке биригүү менен барабар эле. Эгерде кыргыздар буга чейин мамлекет түзүү деңгээлине жетпей келсе, хунну доорунда өздөрүндөй эле көчмөн жашаган, тили жагынан да тектеш келген калктын саясий тарыхына орток катышып, хуннулардын өздөрүнө таңуу лаган саясий башкаруу практикасын өздөштүрүү мүмкүндүгүнө байыркы кыргыздар да ээ болушкан.

Модэ-шанүйдүн кыргыз жерин басып алуусунун кийинки саясий жана социалдык өнүгүү үчүн түрткү берген дурус жагы – хунну мамлекетинин модели, үлгүсү эле. Кыргыздардын оң канат жана сол канат, чордондук (ичкилик) топ болуп жиктелишинин эзелки башаты эң кеминде хуннулардын байыркы дооруна барып такалат.

Кыргыздар б. з.ч. I к. башында. Ли Линдин бийлөөсү. Хуннулар күч-кубаттуу болуп турган доордо кыргыздар Хунну мамлекетинин курамында кала берген.

Б. з .ч. 99-ж. кытайлык Ли Гуан-ли аттуу кол башчы (Да-вандын Эрши шаарына жортуулу үчүн «Эршилик» ысымын алган) хуннулардын Чыгыш Теңир-Тоодогу журттарына кол салып, бирок буктурмага калып, араң качып чыккан. Дагы бир колду – тандалган 5 миң кытайлык жөө аскерди Ли Лин деген кол башчы жетектеп, хуннуларга каршы жөнөп, бирок хуннулардын 30 миң атчан аскери менен кармашууга туура келет. Кошумча хуннулардын дагы жаңы аскер күчү келип, кытайлыктар чегинүүгө аргасыз болушат.

Цзүйдихэу-шанүйгө кытайлыктардан «тил» кармап келишет да, Ли Линдин кошуунун колдой турган жакын арада башка кытай аскерлери жок экендиги айгинеленет. Ошондо хуннулар туш-тараптан качырып киришип, кытай кошуунунун быт-чыты чыгат, Ли Лин болсо колго түшөт.

Цзүйдихэу-шанүй Ли Линге өзүнө кызмат кылууну сунуш кылган. Эр жүрөктүүлүк менен салгылашкан бул кытай кол башчысы ага жагып калган эле. Ли Лин буга макул болду, себеби кайра Кытайга кайтса, кошууну талкаланганы үчүн өлүм жазасына кириптер болушу ыктымал эле.

Арийне, Хань сулалесинин ак сарайында Ли Линдин бул жеңилиши чыккынчылык катары бааланып, өлүм жазасына анын энесин тартуу тууралуу өкүм чыгарылган. Карыган аялга болушам деп убараланган ак сарай тарыхчысы Сыма Цянь да күнөөлөнүп, б.з.ч. 98-ж. январда бычылып салынган жана бир аз мөөнөткө абакка түшкөн.

Ал эми Ли Лин болсо хуннуларга ак эмгеги менен кызмат кылып берген. Хуннуларга жуурулушуп, кызматын адал кылган кытайлардын ал алгачкысы да, акыркысы да эмес эле.

Цзүйдихэу-шанүй Ли Линге өзүнүн кызын (бек бийкени) турмушка берген. Байыркы кыргыздардын аймагын да хуннулардын атынан бийлеп туруу милдети Ли Линге жүктөлгөн.

Бул маалымат б. з. ч. I к. башында кыргыздардын аймагын хунну шанүйү борбордон – өз ордосунан дайындалган адам аркылуу башкаргандыгы тууралуу айгинелейт. Кыргыздардын Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк тарабын ээлеген жерин башкарып калган Ли Линге хунну шанүйү батыш канаттагы чжуки-бек деген титулду ыйгарган. Ли Лин менен анын хунну тектүү аялынын урпактары кыргыздардын арасында укумдан-тукумга жашап, кара чачтуу, кара көздүү сырткы белгилери менен айырмаланышкан.

Кыргыздар б. з.ч. 90-ж. Ли Линдин кол башчылыгы астында кошуун түзүп, хуннулардын армиясына кошулуп, Ли Гуан-ли Эршилик жетектеген эң ири кытайлык армиянын баскынчылык жортуулуна каршы согушка аттанышат. Бул ири согуштун акыркы этабы Хангай тоо системасындагы Яньжань тоосунун жанындагы салгылашуу менен аяктаган. Хуннулар, кыргыздар, динлиндер, турпандыктар ж. б. калктар биригип чыккан бул согушта Хань сулалеси кубаттуу жортуулчул армиясынан таптакыр кол жууп калган. «Манас» дастанындагы кыргыздардын башка калктар менен биргелешип чыгыштан келген жоого каршы күрөшүүсү, кыргыздар тарапка өтүп ак кызмат кылган Алмамбет сыяктуу айрым мотивдер, сюжеттик көрүнүштөр орто кылымдардагы тарыхыбызга да байланыштуу.

Кыргыздар б. з. ч. 80–60-жылдарда. Ли Лин жана анын бийлигин мурастаган уулу башкарып турган доордо, б. з. ч. 80–60-жылдарда, байыркы кыргыздар хуннулардын өкүмү жүргөн туруктуу вассалдары болгон.

Б.з.ч. 71-ж. жайында хуннуларды батышынан усундар, чыгышынан ухуань, түндүгүнөн көтөрүлүшкө чыккан динлиндер каптап киришкен жана хуннулардын калкынын бир далайы кырылган. Бул алаамат учурунда кыргыздар кайсы тарабында болгондугу ачык эмес, бирок антихуннулук ынтымакка кыргыздар ушул согуштун алгачкы баскычында эч кошулбагандыгы хуннуга каршы тарапка динлиндердин гана саналып өткөндүгү менен далилденет. Б. з.ч. 63-жылдан тартып динлиндер хуннуларга каршы бир нече ирет чабуул жасаган кезде да кыргыздар хуннуларга каршы тарап катары эч эскерилген эмес.

Кыргыздардын ордо күрөшүнө катышышы. Хунну мамлекетинин системасына туруктуу кирип калган кыргыздар хунну саясатын жүзөгө ашырууга катышышкан. Кыргыз кошундары да Борбордук Азия мейкиндигиндеги хуннулардын жүрүштөрүнө тартылып турган. Ли Линдин «батыш канаттагы чжуки-бек» деген даражасынын артынан кыргыз төбөлдөрүнүн да ордо саясатына аралашуусу күчөгөн.

Б. з.ч. 58-ж. тартып хуннулардын ичинде такты талашуу күрөшү өзгөчө курчуйт. Ордо күрөшү аркылуу бийликке жеткен Хуханье-шанүй өзүнүн тарабындагы батыш канаттын чжуки-беги болгон хунну ак сөөгүн өлтүрүүгө буйрук берет. Батыш хуннулар кайра Хуханьешанүйгө каршы көтөрүлүшкө чыгышып, Босүйтан деген бекти (анын титулу «жичжо-бек» эле) «чжуки-шанүй» деп жарыялашат. 58-ж. күзүндө да хуннулардын хуге, юйди сыяктуу урууларынын бектери да өзүн шанүй жарыялашкан. Аларды Босүйтан чжуки-шанүй кыргыздардын аймагын көздөй сүрүп салган.

Б. з.ч. 56-ж. Хуханье-шанүй чыгыштан келип, Босүйтандын (чжуки-шанүйдүн) кошуунун талкалап, Босүйтан өзүн өзү өлтүрүүгө аргасыз болгон.

Дал ушул учурда кыргыздардын журтунда жүргөн аскер башы (офицер) адамды – Уцзи-шанүйдү кыргыз төбөлдөрү бүткүл Хунну дөөлөтүн башкаруучу шанүй катары көтөрүп чыгышкан. (Уцзи-шанүй б.з.ч. 58-ж. акырында өзүн алгач ирет шанүй жарыялаган, бирок бат эле хуннулардын юйди уруус унан чыккан дагы бир жалган шанүйдүн – Чели-шанүйдүн пайдасына өз титулунан баш тарткан эле. Уцзи да, Чели да хуннулардын шанүйлөрү чыккан башкаруучу урууга тиешеси жок адамдар эле).

Уцзи өзүн «шанүй» деп кайрадан жарыялоого кыргыздарга өз макулдугун берди. Себеби Хуханье-шанүй чыгыштан кайра Теңир-Тоо аймагына келгенде ЧелиШанүй Хуханьеге моюн сунуп берген эле.

Хуханье-шанүй менен кыргыздар көтөрүп чыккан Уцзи-шанүй уруш башташты. Арийне, мурда Хуханьеге каршы болуп жаткан сепаратисттердин көбү колдобой коюп, бат эле Хуханье-шанүй жеңишке жетишти. Уцзи-шанүй (жалган шанүй) тутулуп, өлүм жазасына тартылды.

Кыргыздардын көз карандысыздыгы. Уцзи деген аскер адамынын хунну ордосунда аракети майнапсыз аяктаган менен кыргыз төбөлдөрүнүн хуннулардын шанүйүнө карата душмандык саясаты улана берди. Б. з. ч. 56-жылдын акырынан тартып Хуханье-шанүйгө каршы батыш канаттагы хуннулардын сепараттык күрөшү кайрадан алоолонгон маалда кыргыздар саясий өз алдынчалыкка жетишишти.

Өздөрүнүн түндүк жактагы коңшусу болгон динлиндердин көз каранды эмес абалы да кыргыздар үчүн таасир бербей койгон эмес.

Саясий көз каранды эместикке жетишкен кыргыздардын чордондук аймагы Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк (тескей) атырабы тарапта – Жети-Суудан түндүк-чыгышта, Алакөлдөн түштүк-чыгышта, Боро-Хоро тоо кыркасы менен Дзосотин-Элисун чөлүнүн ортосундагы чөлкөмдө жайгашкан. Табигый шартт ар, географиялык обочо абал кыргыздардын бул өз алдынча өлкөсүн бир нече жылдар бою өздөрүнүн, ич ара күрөшүнүн айынан хунну шанүйлөрү өз жайына коюуга аргасыз болушту.

Хунну мамлекетинин саясий системасынын тутумунда кыйла убакыт (бир жарым кылымдай) болуп келген кыргыздардын бийлөөчү төбөлдөрү үчүн мамлекеттүүл үктүн негизги жагдайларын, белгилерин калыптандыруу тажрыйбасы дурус маалым эле. Анын үстүнө кол башчылык жана акимдик башкаруунун кытайлык тажрыйбасына ээ болгон хуннулашып кеткен Ли Линдин үй-бүлөсүнүн кыргыздардын вассалдык аймагын бийлеши (б. з.ч. I к. биринчи жарымы) кыргыз ак сөөктөрүнүн саясий практикасына өз таасирин тийгизбей койгон эмес.

Б. з.ч. III к. акырынан тартып, байыркы кыргыздар мамлекеттүүлүктүн баскычына көтөрүлө алган. Бирок бул жараян Хунну дөөлөтүнүн курамына камтылуу жолу менен жүзөгө ашырылган. Ал эми б. з. ч. 56-жылдан тартып кыргыздардын өз алдынча улуттук мамлекеттүүлүгүн түзүү доору өз учугун улайт, – деп жыйынтык чыгаруу абзел.

Чжичжи-шанүй жана кыргыздар. Хуннулардын шанүйү Хуханьенин улуу бир тууганы Хутуус б. з.ч. 56-ж. «чыгыш канаттагы чжуки-бек» деген даражасына алымсынбай көтөрүлүш чыгарып, өзүн Чжичжи-шанүй деп жарыялаган. Бир тууганы Хуханьеден айырмаланып, ал Хань сулалесине карата көз каранды эмес мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө умтулган.

Чжичжи-шанүйдүн б. з.ч. 49-ж. ынтымак түзүү үчүн Усун мамлекетине жиберилген элчиси өлтүрүлүп салынган. Ал түгүл Уцзүту деген кичи күн-бий бул элчинин башын Чыгыш Түркстандагы кытайлык төбөлгө тартуу кылып жиберген.

Чжичжи-шанүй өзүнө каршы жиберилген усундардын 8 миң атчандар кошуунун талкалап, түндүккө жылды. Болжол менен азыркы Манас шаарынын атырабында ал уцзе падышалыгын талкалады. Анын аскерлерин өзүнө кошуп алып, батышка жүрдү да, кыргыздардын өлкөсүн, андан соң алардын түндүгүндөгү динлиндерди каратып алды.

Бань Гунун тарыхый эмгегинде («Эрте Хань сулалесинин тарыхында») бул окуя «үч падышалыкты баш ийдирип алган соң» деген сөздөр менен кошумчаланат. Демек, Чжичжи-шанүй б. з.ч. 49-ж. кайрадан каратып алганга чейинки бул өлкөлөрдүн макамын кытайлык ак сарай тарыхчылары «падышалык» деңгээлинде баалашкан.

Кангүй падышалыгы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында конуш таап калган Чжичжи-шанүйгө өзүнүн элчисин жиберип, усундарга каршы ынтымак түзүүгө чакырган. Жалгыздап Усун мамлекетине кол салууга даабай турган Чжичжи-шанүй бул сунушту өзгөчө кубаныч менен тосуп алган. Арийне, жортуулга чыккан Чжичжинин кошууну жолдо ызгаардуу суукка буюгуп, бар болгону 3 миң аскери менен гана ал Каңгүй өлкөсүнө жеткен.

Талас өрөөнүнө келген хунну кошуунунун Кыргыз өлкөсүнөн (Теңир-Тоонун түндүк-чыгышынан) жөнөгөндүгүн, адатта хуннулар өз армиясынын курамына өздөрү каратып алган өлкөлөрдүн аскер күчтөрүн да кошуп аларын эске алып, байыркы кыргыздардын айрым аскердик тобу Талас өрөөнүнө (Теңир-Тоонун түндүк-батышына) б.з.ч. 48–42-жж. аралыгында жеткендиги тууралуу божомол кыла алабыз.

Албетте, кыргыздардын негизги журту Чыгыш ТеңирТоо аймагында жайгашып кала берген.

Кыргыздар б. з. I–V кылымдарда. Кыргыз өлкөсүн үн б.з. I миң жылдыгынын алгачкы жарымындагы тарыхы тууралуу чыгыш булактарынын маалыматтары өтө сейрек.

Кыргыздарды цзяньгунь (эскиче – гяньгунь) деген иероглифтер менен эмес, кытайлык булактар цигу (же хэгу) деген иероглифтер менен белгилеп калышкан. Түрк уруу ларынын теле саясий бирикмесинин коңшусу катары, ал түгүл бул саясий бирикменин бир мүчөсү ирээтинде эскерилген хэгу эми б. з. III–V кылымдарда «Яньцинин Карашаардын) түндүгүндө, Ак-Тоонун жанында» жайгашып келгенин кытай булагы сыпаттайт.

Теңир-Тоонун түндүк-чыгышында кыргыздар өздөрүнө айрым динлин урууларын жуурулуштурган. Бул мамлекеттин тургундары, кытай булагы эскергендей, «динлиндер менен аралашкан». Тарыхы терең кеткен ар бир улуттун этникалык компоненти ар кыл экендиги маалым. Кыргыздарга хуннулардын да айрым бөлүктөрү сиңип кеткен.

V кылымда Алтай, Чыгыш Теңир-Тоодогу түрк калктары Түндүк Кытай тараптан журт которуп келген жуанжуандар (жужандар) менен уруш жүргүзүшкөн. Кыргыздар Жужан каганатынын курамына каратылган.

Арийне, жужандар менен теле урууларынын (динлиндердин теңир-тоолук – алтайлык бирикмесинин) өз ара согушу айы гышкан мүнөзгө өтүп, ошол доордо (V к. ичинде) кыргыздар теле тарабына өткөн. Профессор Ю.С.Худяковдун пикири боюнча, дал ошол доордо (б. з. V к. – VI к. башы) Теңир-Тоонун түндүк-чыгышынан Энесай өрөөнүнө кыргыздар журт которуу га аргасыз болушкан.

Энесайга келген кыргыздар өздөрүнүн көз карандысыз мамлекетин кайрадан калыбына келтирүү жана экономикалык, саясий-социалдык, маданий өсүп-өнүгүү мүмкүнчүлүккө ээ болушкан.

Теле (төөлөс) жана түрк урууларынын теги

Тарыхтын жалпы барагы. Эң байыркы, байыркы жана орто кылымдардагы тигил же бул этностун же мамлекеттин тарыхын өз ата-бабасынын тарыхы катары бир эле учурда бир нече эл эсептээрин баамдоого болот. Ошондой жалпы тарых барагы катары азыркы көптөгөн түрк элдери үчүн б. з. VI кылымынын экинчи жарымында Борбордук Азиянын саясий картасында пайда болгон жана күч-кубатын айгинелеген Улуу Түрк каганаты каралууга ти йиш. Аны бүгүнкү алтайлыктар да, сары уйгурлар да, кыргыз, казак, уйгур, өзбек, түркмөн, кара калпак, азербайжан, түрк ж. б. элдер өзүнүн орто кылымдардагы тарыхый башаты деп билишет. Себеби бул мамлекетти негиздеген, өнүктүргөн түрк уруулары жана элдери аталып өткөн азыркы элдердин орток ата-бабалары болуп саналат.

Арийне, Улуу Түрк каганатынын курамындагы уруулар жана элдер ошол кездеги түрк тилдүү калктардын мейкиндигинин түштүк-чыгыш аймагын гана ээлеген. Азыркы түрк элдери Улуу Түрк каганатындагы элдердин гана урпагы дешке эч негиз жок. Итил (Волга) боюндагы булгарлар, Европанын жүрөгүнө жеткен хуннулардын батыш бутагы – гунндар ж. б. Улуу Түрк каганатына тиеш еси жок түрк тилдүү элдердин тарыхы буга далил.

Теле (төөлөс) уруулары. Улуу Түрк каганаты катары тарыхка калган ири мамлекеттин курамына ар кыл тилдерде сүйлөгөн калктар  – түрк тилдүү калктан тышкары согду (чыгыш иран), тохар (индоевропалык) сыяктуу элдер да кирген.

Түрк тилдүү калктын ичинен уруулардын эң кеңири саясий бирикмеси – теле болгон. «Теле» сөзүн айрым түркологдор «тегрег» («дөңгөлөк» деп этимологиялык жактан жоромолдошот (С. Г. Кляшторный). Айрымдары кийинки телеут, телеңүт этноними менен жакындатышат (Л. Н. Гумилёв). Биздин пикирибизде, теле уруу бирикмесинин аты азыркы алтай жана кыргыз элдеринин уруу аталыштарында сакталган төөлөс (дөөлөс) этнониминде сакталган. Кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур да теле этнонимин «төөлөс» катары берет. Түпкү башаты боюнча телеңүт, телеут этноними да теле, төөлөс этнониминен монголдук көптүк түрдү берүүчү «-уут» мүчөсү жалгашылып пайда болгон. Кытайча «теле» деп берилген этноним Орхон-Энесай жазмасында да төлис, төлиш деп учуратылат.

Теле (төөлөс) уруу бирикмесине байыркы Хунну империя сы ыдырагандан кийинки өз алдынча болуп калган бир катар элдер жана алардын уруулары баш кошуп турган. IV–V кылымдарда теле (төөлөс) уруу бирикмесине кирген элдер чыгышында Каңгайдан – батышында Чыгыш Түркстан, Жуңгарияга чейинки ири аймакта жашашкан.

Кытайлык «Вей-шу» аттуу тарыхый булакта теле (төөлөс) уруу бирикмесинин стабилдүү мамлекет башчысы болбогондугу, ар бир уруу өзүнүн бийлик эгеси тарабынан башкарылганы жөнүндө чагылдырылат. Алар жалпы согуш коркунучу маалында гана баш кошуп турган.

Теле (төөлөс) бирикмесинин курамында сеяньто (сиртардуш), вейхо (уйгур), паегу (байырку), тунло (тонра), пугу, апа, телөөр, секие, толанко, кипи, атйе, хусйе, фуло, тубо, гулиган (курыкан) сыяктуу элдердин наамдары эскерилет.

Жужан каганаты жана теле (төөлөс) бирикмеси. Б. з. IV к. ортосунда ордосу Каңгай тоолорунун этегинде болгон кудуреттүү көчмөндөр дөөлөтү – Жужан каганаты түзүлгөн. Жужан (жуан-жуан) эли байыркы монгол тилинин бутактарынын биринде сүйлөгөн (айрым изилдөөчүлөр жужандарды тунгус-манжур тектүү деп да эсептешет). Түндүк Кытайдагы жана Монголиядагы бир катар түрк уруулары да жужандарга жуурулушкан.

Жужандар Түндүк Монголиянын Селенга өзөнүнүн аймагын жана Жунгария менен Алтайды жердеген теле (төөлөс) урууларынан алык-салык төлөтүп турган. Мезгил-мезгили менен алык-салык төлөөгө мажбур болгон теле (төөлөс) уруулары акырындап саясий көз каранды эместикти калыбына келтирүү үчүн ички биримдигин чыңдоо го умтулган.

Жужан каганатын Доулун (485–492) бийлеп турганда ал кытайлык Вэй (Тоба, б. а., табгач) падышалыгына каршы саясатын күчөткөн. Дал ушул маалда 492-ж. теле (төөлөс) бирикмесинин уруу башчыларынын бири Афучжило жүз миң адамдан турган өз элин түндүк-батышка – Иртышка көчүрүп кетет да, көз каранды эмес мамлекетти негиздейт, өзүн «Көктүн улуу уулу» деп жарыялайт. Афучжилонун эки ата өткөн бир тууганы Цүнки «мураскор бий» даражасын алып, жаңы мамлекеттин түштүк канатын бийлеген (Жуңгария тарап).

Арийне, 494-ж. теле (төөлөстөр) түзгөн бул мамлекеттин жаңы жоосу – эфталиттер алардын түштүк-баты шынан келип Цүнки бийлеген канатты басып алган, 496-ж. түштүк канат да эфталиттер тарабынан ойрон кылынган. Теле (төөлөс) урууларынын айрымы чыгышка – жужандардын жана алардын жоосу – Кытайдын түндүк аймагына көчө качкандыгы маалым. Калган-каткан уруу ларды бийлетүү үчүн эфталиттер Мивоти деген төөлөс бегин өздөрүнө вассал кылып дайындашкан (496-ж).

Цүнкинин урпактарынан болгон Мивоту дароо Кытай менен алака түзүүгө умтулуп, белек-бечкек менен элчисин жиберген. Анын бул кадамы Кытай (Вэй) менен антижужандык мамиле түзүү максатын көздөгөн. Вэй падышалыгы да жибек ж. б. белек-бечкеги менен жооп берген.

516-ж. Мивоту кайрадан жужандардын баскынчыл жортуу луна каршы күрөшөт. Акыры ал туткунга алынып, мыкаачылык менен өлтүрүлүп (кашаң атка таңылып, бул атты тындырбай желдирүүнүн айынан Мивоту өлөт), анын баш сөөгүн жужан каганы идиш кылып алган.

521-ж. Мивотунун кичүү бир тууганы Ифу теле (төөлөс) өлкөсүнүн көз каранды эместигин калыбына келтирет.

Бир катар согуштардан кийин 540-ж. теле (төөлөс) бийлери негиздеген мамлекет жужандардын таман астында калат. Вэй падышалыгынын ич ара экиге ыдырашы да жужандардын чоң жоосу – Кытайды алсыраткан.

Ашина уругу. V кылымдын башындагы тарыхка ысымы калган түрк жол башчыларынын бири Ашина эле. Ашина аты Л. Н. Гумилевдун пикирине караганда, уңгу сөздүн алдында келүүчү кытайча куранды мүчө (префикс) болгон «а» тыбышынан жана монголчо «карышкыр» маанисин берген «шоно чино» сөзүнөн пайда болуп, «Айкөл бөрү» маанисин туюнткан. Арийне, Ашина өзү түрк тектүү болгондугун эске алуу абзел, К. Бэкуис, Исенбике Тоган сыяктуу кийинки изилдөөчүлөр «ашина» – бул түркчө «арсылан» – «арстан» сөзү дешет.

IV кылымда Кытайдын Шэньси вилайетин хуннулар менен монгол тилдүү сяньбилер кайра тартып алышкан. Ошол доордо Ашина деген бекке таандык уруулар Хэси коридорунда (Хуан-хэнин жаа сымал тоолорунун аралыгындагы «Улуу Жибек жолунун» даңазалуу бир таманында) көчүп-конуп жашап, хуннулардын Муган деген бегине баш ийишчү.

439-ж. Түндүк Кытайды бийлеген тоба (табгач) элинин аскерлери хуннуларды сүрүп кирип, Хэси аймагын өздөрү негиздеген Вэй падышалыгына кошушкан. Дал ушул тагдыр чечилээр доордо Ашина деген түрк беги өзүнө таандык беш жүз үй-бүлөнү баштап, жужандарды көздөй журт которуп качат.

Кытайлык булактар маалымдагандай, Ашина жана анын уругу Алтай тоолорунун түштүк тарабынан конуш таап, жужандар үчүн темир кенин казып, согуштук максаттарга абадай керек чийки затты өндүрүп берип турган.

«Чжоу шу» (556–581) жана «Суй шу» (589–619) деген кытайлык сулале тарыхтарында айтылгандай, Алтай жергесине келип, Ашина кайра баш коштуруп түзгөн элдин саясий аты «түркүт» болгон. Мындагы «-үт» деген эски монгол (сяньби) тилиндеги көптүк түрдү билдирчү мүчөнү алып салсак, өзүбүзгө маалым «түрк» сөзү калат. Демек, «түрк» этнониминин саясий жана этникалык жалпылыкты туюндурган бириктиргич ролу саясий аренадан хуннулар чегине баштаган доорго – IV кылымга таандык.

Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу уламыштар. Оболу «түрк» сөзү «кубаттуу» маанисин берип, саясий жалпылыкты туюнткан. Кийинчерээк ар кыл уруулар баш кошкон «түрк» наамдуу бирикме кылымдар аркалап, эң ири этникалык жалпылыктын наамы болуп калды.

Түрктөр кийинчерээк өздөрүнүн теги тууралуу ар кыл уламыштарды чыгарган, алардын айрымдары орто кылымдардын эрте мезгилиндеги кытайлык жазма булактарда чагылдырылган.

Бир уламышта хуннуларга таандык бир уруу коңшу өлкөнүн бийлик эгеси тарабынан басып алынып, кырылып салынганы айтылат. Аман калган он жашар тестиер баланы өлтүрбөй, баскынчылар анын колу-бутун кесип, көл жээгине таштап кетишет. Мунжу баланы бир ургаачы бөрү эт ташып келип бага баштайт. Алиги баскынчы бийлик эгеси бул жөнүндө угуп, кайрадан баланы мерт кылуу үчүн жоокерлерин аттандырат. Алар келгенде ургаачы бөрү Турпандын түндүк-батышындагы бир тоолордун арасына качып, үңкүр аркылуу чар-тарабы тоо менен курчалган бир чакан тоо өрөөнүнө өтөт. Биерде бөрү он баланы тууп, алардын урпактарынан Ашина жол башчы болгон уруу да чыккан экен.

(Монголиянын Бугут аттуу жергесинен согду тилинде жазылган түрктөрдүн байыркы жазма эстелиги 1968-ж. табылды. Эстеликтин жогору жагында колу-буту кесилген адамдын сөлөкөтү жана бөрүнүн сөлөкөтү чегилген. Бул барельеф кытайлыктар жазып калтырган уламыштын түрктөр тарабынан өзгөчө аздектелип айтылганын далилдейт).

Бөрү эне өзүнүн урпактарын каерде өстүрдү экен? Көпчүлүк илимпоздор бул уламыштык түрк мекенин Алтайда деп билишет, арийне, аны Чыгыш Теңир-Тоого жайгаштырууга да мүмкүн. Ашина уругу Алтайга кийинчерээк гана журт которгону тууралуу маалыматты жогоруда эскерттик.

Экинчи бир уламыш түрктөрдүн башкаруучу уруусу өзүнүн тек-жайы боюнча байыркы Со уругуна барып такаларын баяндайт. Со уругу хуннулардын түндүгүндө жайгашкан. Уруу аксакалы Апанбу деп аталган. Со уругу жетимиш бир туугандан турган. Алардын ичинен ки йин аман калып, тукуму уланганы – Ичжини-нишыду деген жайчылык касиети бар (шамал же жамгыр чакыра алган) бир тууганы эле. Уламышка таянсак, Ичжини-нишыду Бөрү энеден туулган. Кийин ал жайдын ээсинин кызы менен кыштын ээсинин кызына үйлөнөт. Ичжини-нишыдуга биринчи аялы (байбичеси) төрт уул төрөп берет. Алардын туну ак кууга айланган (бүгүнкү алтайлыктардын куу-кижи, куманды уруу аттарына салыштыруу кызык). Экинчи уулу Афу (Абакан) жана Гянь (Кем, б. а., Энесай) дарыяларынын аралыгында падышалык кылган Цигу (Кыргыз) деген эле…

Бул уламышта да түрктөрдүн энелик теги катары ыйык жаныбар – бөрү көрсөтүлгөн. Мында да Бөрү эненин небереси катары айтылуу Ашина көрсөтүлгөн. Кыргыз болсо Ашинадан мурда чыккан муун экендиги белгилөөгө арзырлык.

Түрктөрдүн теги жөнүндө ар кыл уламыштардын бир орток өзөгү бар. Ал – Бөрү эне. Ири саясий дөөлөттү негиздеген маалда да түрктөр өз тотемин унуткарган эмес. Өзүнүн байрактарына алтын жалатылган жип менен бөрүнүн башын тартышкан. Алардын каганынын тандамалуу аскери – сакчылары да «бөрүлөр» деп аталган.

Өзүнүн тегин ыйык бөрү энеге байланыштыруу менен ашина уругу башка тектеш урууларды башкаруу үчүн өз укугу бар экендигин тастыктоого умтулган. Балким, «ашина» этноними түрктөрдүн уругунун «бөрү» деген аталышынын байыркы монголчо сөзмө-сөз которулушу да болушу ыктымал. Кытайлык булактар «бөрү» сөзүн да «фули» түрүндө эскерип, анын «карышкыр (бөрү)» деген мааниси бар экендигин баяндайт.

Ашина уругунун күчтөнүшү. «Түрк» терминин этникалык жана саясий жалпылык катары көтөрүп чыккан ашина (арстан) уругу Алтай аймагына келген соң, акырындап теле (төөлөс) уруу «бирикмесинин ыдырашынан кийин Алтайда кала берген урууларды өз тегерегине баш коштурат (теле урууларынын бир катары ашина уругу күчтөнгөнгө чейин эле Алтайдан батышка жана түштүкбатышка ооп, Орто Азия жана Итил аймактарындагы башка тектеш түрк тилдүү калктардын санын көбөйткөн).

Ашина уругу – Бөрү эне тукуму – тек гана башкаруучу урук болуп, анын кол астындагы эл «түрк бодун» («кубаттуу эл») деп атала баштаган. Айтмакчы, бүгүнкү кыргыздын «эл» сөзү байыркы доордо «мамлекет» деген маанини берген («мамлекет» сөзү кийинчерээк кыргыз тилине арабчадан кирди). Демек, байыркы «Түрк эл» сөзү бирдиктүү «Түрк мамлекети» түшүнүгүн туюнткан.

Ашина уругу бийлеген түрктөр V к. экинчи жарымы – VI к. биринчи жарымында жужандарга көз каранды болуп, темир сыяктуу металлургиялык чийки заттарды салык катары өндүрүп берип турушкан. Ички ынтымак, жужандык саясий үстөмдүккө каршы туруунун жалпы максаты, өз ара этникалык жакындашуу жана жуурулушуу VI к. ортосуна карата Алтайдагы түрктөрдүн саясий биримдигин жаңы сапаттык деңгээлге чыгарды. Ашина уругунун ичинен чыккан кагандар бийлеген мамлекет тарыхка Улуу Түрк каганаты катары даңазаланып кирди.

КЫТАЙ ОКУМУШТУУЛАРЫ КЫРГЫЗДАР ЖӨНҮНДӨ

I БАП

МА МАҢЛИ

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН БАТЫШКА КӨЧҮШҮ ЖАНА ОРТО АЗИЯ КЫРГЫЗ УЛУТУНУН КАЛЫПТАНЫШЫ

Орто Азия Тянь-Шань өңүрлөрүндөгү кыргыз улутунун ата-бабалары Энесай дайрасынын өрөөнүнөн келген. Эртедеги эки хан доору мезгилинде, алар жуңго (кытай) тарыхый китептерине «гыкун» (гы кун), «жиянкун» (жиан кун) деген тыбыштык котормо менен жазылган. Кийин тарыхый китептерде дагы «чи гу» (Чи Гу), «шимжас» (шиажиас), «бурут» сыяктуу айтылыштар менен жазылып келген. Алгачында алардын жердеген району Диңлиңдердин батыш жагы, усундардын чыгыш, огуздардын түндүк жагында[1] болгон болуп, азыркы Энесай дайрасынын жогорку алабында, же болбосо Энесай – Эртиш эки дайранын көкүрөк жак аралыгындагы райондордо болушкан[2]. Кийин бул жергеде жашаган кыргыздар батышка ооп барып, Орто Азиядагы кыргыздардын түпкү теги болуп калышкан. Бул маселеде мамлекет ички жана сыртындагы окумуштуулардын көз караштары бирдей болуп келди. Бирок айтпай коюуга болбойт, кээ бир окумуштуул ар Энесай кыргыздарынын X кылымдын алдында эле Тянь-Шанга көчүп келгендигин төгүндөшүп, «негизсиз сөз» деп карашат, арийне XVIII кылымдагы падышалык Россиянын кеңейичилигинен улам кысылган кыргыздар батышка көчкөндүгүн да айткысы келбей, аттап өтүшүп жатат. Мына ошентип, алар кыргыздардын батышка көчүшүн тек гана XIII кылымдан XV кылымга чейин болгон моңгул доорунун окуясынан улам көчүшкөн дейт да, ошол бир доордо гана Батышка көчкөн, ошону менен Орто Азиядагы кыргыздар «соңунда барып калыптанган»[3] дегенди баса белгилешет. Энесай кыргыздарынын Батышка көчүшүн жана Орто Азиядагы кыргыздардын улут болуп калыпташуу байланышын ошондой баяндоо тарыхый чындыкка ылайык келеби, жокпу? Бул макала ошого карата өз карашын айтып көрмөк. 1

Ар кайсы тарыхый материалдардан караганда, эң көп болгондо биздин санактын VI–VII кылымдарында эле Энесай кыргыздары Батышка көчүп, Тянь-Шань өңүрлөрү, же болбосо Жуңгонун (кытайдын) Батыш түндүк райондоруна конуштанышкан. Бирок алардын саны аз болгон. Бул жөнүндө жазылган тарыхый материалдар жана из-даректер абдан аз болгонуна карабай, азыр бар болгон тарыхый материалдардан алардын ошол мезгилдерде Батышка көчкөн из-тоомдорун көргөнү болот.

VI кылымдын ортосунда, Энесай кыргыздары менен ирегелеш болгон түрктөр карууланып күч алат. 563–567-жылдар аралыгында түрктөр зор көлөмдө ипталыттарга жапырык жасап кирген, ипталыттар жеңилип, алардын каганы өлтүрүлөт. Алардын жергесин түрктөр менен парст ар бөлүп ээлеп кеткен да, ал экөө Аму дайрасын чеп кылып алышкан[4]. Чеп ордуна Аму дайрасынын түндүгүнө темир капка коюп алышкан! Түрктөр «Батышта ипталыттарды талкалап, чыгышты көздөй кидандарга, түндүк жагында кыргыздарга жортуул жасап (Энесай кыргыздарына), андан бөлөк көптөгөн элдерди өзүнө караткан. Анын ээлеген жери чыгышта Лыявхай деңизинин батышына батыш деңизине чейин болгон түмөн чакырым жер болсо, түштүгү Кумдуктун түндүгүнө Түндүк деңизге чейин болгон 5–6 миң чакырым жерлерди ээлеп турган.

Ошентип, түрктөрдүн жергеси моңгул талаасынан тартып тээ парс ээлеменчилигинин чек арасына чейин болгон. Болуп дагы VI кылымдын 80-жылдарынан кийин түрктөр өз ички ымаласынын келишпестигинен улам батышты көздөй зор көлөмдө оогон, ошондо эртеде өзүнө каратып алган кыргыздар да алардын уруштарына аралашып, алар менен бирге батышка көчкөн. 744-жылы уйгурлар ордосун Үтөгөн тоосунун этегине кургандан кийин, 748-жылы Энесай кыргыздарын багындырып алган. Ошондон кийин кыргыздар уйгурл ардын Тянь-Шань жакка кеңейишине ээрчий IX кылымдын 40-жылдары үч жол боюнча батышка көчүп Кужу аймагына, Орто Азия жана «Кышы сыяктуу жерлерге келген[5]. Ошондо Энесай кыргыздарынын кээ бир уруулары ошол чоң сүргүн менен кошо батышка көчүп келген.

840-жылдан кийин кыргыздар жүз миңдеген сан эли бар көптөгөн уруу бирикмеси болуп күч алып турган. Ошондо аз дегенде 15 уруу уйгурлардын батышка оошун кууп келген. Ошондо жергеси Анкара дайра өрөөндөрүнөн тарта кеңейип отуруп, тээ ошол кезде «ордосу ойрондолуп жаткан» карлуктарга ирегелеш барып жеткен[6]. Күч каруусу Тянь-Шандын борбор райондору – Аншы (Кучар району), Бейжин (Бешбалык) райондоруна чейин жетип турган[7]. Кыргыздардын мындай зор көлөмдө батышты көздөй кеңейүү иштеринде, зор көлөмдөгү черүү өздөрүнүн үй-бүлөсүн кошо алып батышты көздөй көчкөн. Ал эми кийин көп сандуусу кайра кайтып келген, бир бөлүгү Жети-Суу районунда калып калган. Мына ошентип, VIII кылымдан X кылымга чейин түрктөр, уйгурлар жана кыргыздардын күч алган мезгилдери болгон. Кыргыздардын ошол мезгилдерде Тянь-Шань өңүрлөрүнөн көрүнүшү, тарыхтарда чачыранды жазылып калган Орто Азиядагы издерин туюнтуп турат.

Алып айтсак, 724-жылкы Тибет жазуусундагы тарыхый материалдарда айтылышынча, Хиңгай көлүнүн түндүк жагы, Тибеттин чыгыш түндүк райондорундагы тогохун уруусунун ичинде да кыргыздар болгон[8]. Андай экен, ал кыргыздар эң кеч болгондо түрктөр мезгилинде батышка келген болот. Дагы алып көрсөк, «Суң тарыхы» дегенде жазылышынча, жергеси түндүк Тянь-Шандан ары болгон Кужу уйгурларынын карамагында кыргыздар болгон. Дагы алып көрсөтсөк, Таластагы көрүстөндөргө коюлган моло таштардагы жазуулар менен Энесайдагы эстелик таштардын жазуу тамгалары окшош болушу да бул эки жерде кыргыздардын болгондугун күчтүү далилдеп бере алат десек болот. X кылымдан мурда эле кыргыздар Тянь-Шанга көчө баштаган дегенди күчүнүн барынча төгүндөгүсү келген Федоров мырза «Тянь-Шань, Талас өрөөндөрүндөгү VIII кылымдын таш жазма эстеликтери уйгур-огуздардын жазуулары» дегенди ортого койгондо да «бул жазуулардын тамгалары Энесай таш жазма эстеликтеринин тамгаларына окшош»[9] дегенди моюндабаска аргасыз болгон. Мындай «жазуу тамгалары өтө окшош» болгон эстелик таштардын болушу мына ошол доор лордо Энесай кыргыздарынын батышка оогондугунун из-дареги болуп турат. Ушул чыныгы иштерге беторой келген 50-жылдардагы «Кыргыз тарыхы» деген китепте: «Уйгур каганаты менен күрөшүп жаткан мезгилдерде кыргыздар эчак эле Жети-Суу районуна өрдөп конуп болгон. Аны Энесай таш жазма эстеликтери менен Талас көрүстөндөрүндөгү моло таш эстеликтерине жазылган жазуулардын окшоштугу ырастап турат…»[10] – деп моюндабаган. Андан бөлөк, X кылымдын соңундагы таанылуу кол жазма «Худу-дул-Ааламда» мындай жазылган: «Мыңгал (азыркы Шинжаң Ак-Суу районунун… мурда тогуз огуздар ийсик жүргүзгөн шаарча болгон, эми болсо аны кыргыздар ээлеген». Анда дагы айтылышынча, кыргыздар конуштанган жерлердин ирегесинде тогуз огуздар жана башка түркү тилдеш улуттар коңшу жашайт деген. Ушул чыгар манын дагы бир жеринде ошол кезде Жети-Суу районунда: «Кыргыздардын бир шаары бар, ал шаардагы тургундар кыргыз салт-санаасын урунат» – деп жазган. Бартольд ушул маселеге талдоо жасап: «Кыргыздар менен карлуктар биргелешип ынтымак түзүп, тогуз огуздардын Жети-Суу райо нунун бир бөлүгүн ээлеп алган болушу мүмкүн да, ошондон тартып азырга чейин ал жерди конуштап калса керек»[11], – дейт. Кору тундулап айтканда, жогоруда айтылган материалдар менен даректер уйгурлар алсызданган, кыргыздар кубаттанган мезгилде, кыргыздар уй гурларды кээ бир чөлкөмдөрдөн сүрүп чыккандыгын жана ТяньШанда уйгурлар сыяктуу түркү тилдеш улуттар менен аралаш конуштангандык абалдарын туюнтуп турат.

Дагы бир айта турган нерсе, ушул маселени узак изилдеген, арийне иш жүзүндөгү археологиялык материалдар менен таанышкан советтин таанылуу археологу Берн штам 1949-жылы Аламышык жаратылыштык районунан табылган археологиялык материалдар менен башка материалдарга негизденип олтуруп, эң соңунда: «Бул материалдар күмөнсүз түрдө кыргыздардын Тянь-Шандагы бөлүгү X кылымдан мурда эле калыптанышып болгондугун ырастайт»[12] – дейт.

Ошондой болгонуна карабай биздин карашыбызча, Бернштам мырза ошол кезде Тянь-Шанда кыргыздардын бөлүгү калыптанып болгон деген тыянакка келген болсо да, кандайдыр далилдеши өксүп тургансыйт. Бирок эмнеси болбосун, эң кеминде X кылымдан мурда Энесай кыргыздары эчак Тянь-Шанга көчкөндүгүнө, кадыресе Тянь-Шанга конуштанып калгандыгына ынанбай коё албаган. Мына мындан Тянь-Шанда кыргыздардын X кылымдын алдында болушун «негизги жок сөз» деп айтканы болбойт. Дегинкиси, ошол мезгилде алардын батышка көчүшү дайыма согуш иштери айынан болгон.

Ошол көчүп баруу баскычтарында Тянь-Шанга конуштап калган кыргыздар анчейин көп болбогондуктан, арийне алар негизинен, башка түркү тектеш тилдеги уруулар менен аралаш жашагандыктан, узаккы мезгилдерде өз ара сиңишип кетүү, кошулуп кетүү болуп турган. Ошондуктан, кийинки тянь-шандык кыргыз улутунун курамында көрүнүктүү орунду ээлей алган эмес. Бирок айтпай коюуга болбойт, Энесай кыргыздарынын эртеде көчкөндөрү ТяньШань алар үчүн айтканда, өздөрүнүн боордоштору жашаган (башка улуттар менен кошулган боордоштору) жергеси болуп калган. Бул кийинки зор түркүмдө Энесайдан көчүп келүүгө тартымдуу негиз болуп берген. Мына ошол мааниден айтканда, Энесай кыргыздарынын X кылымдан мурда эртедеги көчүп келүүнү кийинки Орто Азиядагы кыргыз улутунун калыптанышына энөөсүз кароого болбой турган роль ойногон деп айтууга болот.

[1] «Тарыхый  эстеликтер  110-оромунан «гондор тезистеринде жазылган.

[2]  Федоров «Кыргыздардын теги тууралуу очерк». – Ф., 1963.

[3] Шаван түзгөн «Батыш түрктөр  тарыхы  материалдары», Шаңву басмасы, ханзуча (кытайча) котормосунун 162-бети.

[4] «Жол тарых наамасы. Түрктөр санжырасы».

[5] Пиң  жайы сыяктуулар түзгөн «Уйгур улутунун тарыхый материалдарынан кыска баяндар» деген китепти караңыз (Улуттар басмасы, Бейжин басылышы 4—39-беттер).

[6] Бартольд. «Шемирчий кыскача тарыхы» 3-бапын караңыз. Ошондой эле, «Жаңы таң тарыхнаамасы» 217-оромунун төмөн жагы «Уйгур санжырасы. «Кыргыздар» деген бөлүгү.

[7] «Эски таң тарыхнаамасы» 174-оромунун «Лий дийү санжырасы».

[8] Сумас түзгөн «Шиңжаңдагы  Тибет жазуу   материалдары».

[9] «Кыргыздардын теги тууралуу очерк. 101-бет.

[10] «Кыргыз тарыхы».  – Ф., 1956. 121-бет.

[11] Минорский: «Худу-дул-Аалам». 1937-жыл, Лондон. Бул макалага Бернштамдын «IX кылымдан X кылымга чейин болгон доордогу кыргыздардын Тянь-Шанда пайда болушу» деген макаласынан накыл алынды.

[12] Бартольд: «Шеелжу очеркинин» 3-бабы. «Карлуктар очерки».

2

Биздин санактын X кылымынан кийинки Энесай кыргыздарынын Тянь-Шанга көчүүнүн XIII кылымдан XV кылымга чейин болгон моңгул доорундагы батышка көчүү жана XVII–XVIII кылымдардагы эң соңку көчүүсү деп эки баскычка бөлүүгө болот. Моңгул мезгилиндеги Батышка көчүү Тянь-Шань өңүрлөрүндө кыргыздардын кыйналышы, саны күн сайын көбөйгөн да, Орто Азиядагы кыргыз улутунун Тянь-Шань бөлүгүнүн калыпташуу өнүгүү баскычы башталган. Бирок бүт эле Орто Азиядагы кыргыз улуту эң соңку калыпташып болгон деп айтууга болбойт.

XIII кылымдан XV кылымдардагы Энесайлык кыргыздардын батышка көчүүсү моңгул мезгилиндеги Чыңгысхандын кийинки урпактарынын ички ырксыздыгы менен байланыштуу болгон. Ооба, Жочинин улуу уулу Ортанын кезинде, Энесай дайрасы – Эртиш дайрасынын ортосунда жашаган кыргыздардын кыпчак уруусу[1] Иле дайрасы – Эртиш дайрасынын ортосундагы жерлерге көчүрүлгөндүк абалы көрүлгөн. Бирок алардын негизги көчүшү кийин көрүлгөн арык Бука менен Хайдунун Кубилейге каршы согушунан улам болгон. Арык Буканын мурдагы негизги ээлеген жерлери Энесай кыргыз району жана Батыш түндүк моңгул жерлери, атап айтканда, Энесай – Эртиш дайраларынын ортосундагы райондор ме нен Каңгай бөксөлөрү болчу. Рашиддин Бийзулланын жазышынча арык Буканын жайкы кошунунун конушун Алтай болсо, кышкы конушу теке менен кыргыздардын жергеси[2] болгон. 1262–1263-жылдары арык Буканын кошууну Иле өрөөнүнө көчкөн. 1264-жылы согуштан жеңилген соң, качып барып Кубилейге багынган. Ал Эртиш өрөөнү – Энесай өрөөнүнөн сүрүп келген кыргыздарды өз ичине алган кошууну Тянь-Шань өңүрлөрү нө карап кеткен.

Мурда арык Бука менен бир бакта турган Хайду Чыгыш Тянь-Шандан Энесай өрөөнүнө дейре болгон күркмоңгул урууларын бирлештирип чыккан. Анын ичинде ошол кезде «мамлекетке төтө караган» кыргыз уруулары да болгон. 1264-жылы Тянь-Шань районундагы чагатай ээлигиндеги жерлерден тартып, Таласка чейин болгон жерлерди кошуп алган, дайра чөлкөмү (мабийанакыр менен башка батыш райондордун бардыгы) анын карамагына өткөн. Ошол кезде төтө колуна карап турган кыпчак кыргыздар да Хайдунун согушуна 30 жыл бирге катышуу жүрүшүндө, бир бөлүк кыргыздар Тянь-Шанга көчүп барышкан.

Кээ бир окумуштуулар: «Энесай кыргыздары XIII кылымда Тянь-Шанга көчүп баруу негизинде, XIV кылымдын соңу, XV кылымдын баштарында адам саны аябай көбөйгөн, андай болушу Тамирлан Темир жана анын мурасчылары Тянь-Шанга жапырык жасап кирүүсүнөн болгон. Анда ошол жердеги көптөгөн моңгул-түрк уруулары кыйраган, же болбосо аларды Сыр дайрасынан ары сүрүп салган. Дагы бир бөлүгү Кашкарга, дайра абасына жана Ооган сыяктуу жерлерге көчүрүлгөн. Ал эми кыпчак кыргыздар тууралуу жерлерде жашагандыктан, ал кара сүргүндө дыйканчылык райондордо конуштанган элдерге караганда зыяны аз болгон. Ошондуктан, алар өздөрүнөн аз болгон моңгул-түрк урууларын өздөрүнө кошуп алууга үлгүрө алган да, Тянь-Шань өңүрлөрүндө көгөрүп-өсүп кеткен. Алар XV кылымдын баштарында кээде кыргыздар деп аталган. Мына ошол кезде, Орто Азиядагы кыргыз улуту «эң соңку калыпташуусун бүткөн»[3][4] деп карашат.

Жогоруда айтылган караштын ылайыктуу жерлери бар болуп да моңгул мезгилинде Тянь-Шандагы кыргыздардын санынын көбөйүшүн, ошондой эле алардын конуштануу чөлкөмүнүн сөзсүз кеңейишип отурганын жакшы кармай алган. Ооба, XVI кылымдан баштап тарыхый китептерде Тянь-Шань кыргыздары жөнүндө айкын жазылган маалыматтар бар. Алып айтсак, Бартольд мындай жазган. «Могулстандык Кайырхан Жети-Суу районуна барганда, «ал жердеги кыргыздарга баш киши болуп калат». Дагы мындай дейт: «Бул тарыхта кыргыздар алардын бүгүнкү жашап жаткан жергесинде эң эртеде аталып жазылган дарек болушу мүмкүн, кадыресе, биздин ээлеген тээ бир материалдарда эртеде X кылымдан мурда эле бир бөлүк кыргыздар бул райондорго конуштанып болгонун түшүндүрүп бере алат»[5]. Дегинкиси биздин карашыбызча, XIII кылымдан XV кылымга чейин болгон Моңгул мезгилинде батышка көчүү менен, арийне кыргыздар Тянь-Шань өңүрлөрүндө белгилүү жашоо чөлкөмү жана белгилүү санда адамдары болгон. Болсо да, бирок ал мезгил дагы эле кыргыздардын Тянь-Шандагы бөлүгүнүн калыпташып өнүгүүсүнүн башталыш баскычы болгон. Ал эми бүт эле Тянь-Шанда кыргыз улутунун эң соңку калыпташуу баскычы эмес эле энесайлык кыргыздардын батышка көчүү тарыхы, Орто Азиядагы кыргыз улутунун тил эрекчелиги, жашоо чөлкөмүнүн турукташуусу, ошондой эле белгилүү улуттук-психологиялык каражаттардагы тарыхый чындыктан караганда, эгер XVII–XVIII кылымдын башындагы Энесай кыргыздарынын эң соңку батышка көчүүсүн айтканда, арийне Тянь-Шанда кыргыз улутунун эң соңку калыптануусу жөнүндө сөз козгогондо, кээ бир зарыл кубулуштарды чечмелеп айтууга аргасыз калабыз. Кээ бир күчүнүн барынча «XVI кылымдын башында кыргыз улуту эң соңку калыпташуусун бүткөн» деген пикирди ортого коюп турган Федоров мырза деле эч сөз таппай калат. Мисалы үчүн алып айтсак:

  1. Эгерде моңгул мезгилинде батышка көчкөндөн ки йин, XVI кылымдын баштарында Тянь-Шань кыргыз улуту эң соңку калыпташуусун бүткөн болсо, анда Орто Азиядагы казак, өзбек улуттарынын калыпташуу тарыхы да ошол сыңары болгон болот. Андай экен, эмнеликтен жалгыз эле азыркы заман кыргыз тилинде «башка элде Азия тилдерине окшош фарс, араб тилдеринен кабыл кылган сөздөр көп болбой калган» да, анын тескерисинче, «Түштүк Алтай тилдерине окшош»[6] болуп калган.
  2. Эгер азыркы заман Орто Азия Тянь-Шань кыргыз улуту моңгул мезгилинде батышка көчүп келген кишилерин негиз кылып, ал эми XIV–XV кылымдарда кабыл кылган, кошуп алган моңгул-түркү уруулары менен калыптанып бүткөн болсо, анда эмнеге ошол улуттун психикалык эрекчеликтерин туюнткан санжырасы «өз алдынча болуп, моңгулдарга… моңгулдардын хайдарынын уулдарына бөлүп берген жерлерге келген Орто Азия жана Казакстандагы улуттарга окшобой калат»[7];
  1. Андан бөлөк, азыркы Орто Азиядагы кыргыз улутунун курамында көптөгөн уруулар моңгул мезгилиндеги уруулардан эмес болгон даректерин кандайча түшүнд үрүүгө болот? Федоров мырза да: «Кыргыз урууларынын ичинде азыр көптөгөн уруулардын аталыштарынын илгери кандай айтылгандыгын таап чыгууга аргасыз… Ошону менен бирге, алардын уламыштары да далилдешинче алар кыргыздардын негизги тобуна кошулганына узак болбогон… Мундуз, карабагыш… Алардын кошулганына 200–300 жыл мурда болгон» – деп моюндайт. Мына бул ошол эле XVII–XVIII кылымдардагы Энесай кыргыздарынын эң соңку батышка көчкөн мезгилинде туура келет. Бул маселелердин жообу мындай бирөө гана болуп чыгат: сөзсүз XVII–XVIII кылымдардын башында Энесайлык кыргыз дардын Тянь-Шанга эң соңку көчүп келүүсүн байланыштырып, Тянь-Шань кыргыз улутунун эң соңку калыпташуу маселесин изилдегенде гана иш жөндүү болот. Антпей Энесай кыргыздарынын ошол жолку чоң көчүн айтпай өткөндө илимий болгон, тарыхый материализмге келген корутунду чыгарууга аргасыз болот.

[1] XI кылымда кыпчак бирлешмеси кубаттангандан кийин, Энесай дайрасынан Тянь-Шань жана Волга дайрасына чейин болгон кең жергени ээлеген. Алардын арасынан кийин бир бөлүгү  Энесай кыргыздарынын урууларына кошулуп кеткен. Ошого аларды «Кыпчак-кыргыз уруусу» деп атаган.

[2] Гантан Йыңгук түзгөн «Төрт ойроттун төркүнү дегенден алынды.

[3] Жогоруда аталган «Кыргыздардын теги тууралуу очерк» дегендин

[4] -бабы.

[5] Шеелчий очерки» дегендин 7-бабы.

[6] «Кыргыздардын теги тууралуу очерк», 20-бет.

[7] «Кыргыз кыскача тарыхы», 141-бет.

3

XVII кылымдан XVIII кылымдын башында, падышачыл Орусиянын кеңейтилгендигинен Энесай кыргыздары кара сүргүн болуп батыштагы Тянь-Шанга көчкөн. Мына ошону менен Энесай жана Орто Азия эки чоң чөлкөмдөгү, эки чоң бөлүктөгү кыргыздар эң соңунда Тянь-Шанда бириккен. Мына ушул мезгилге келгенде анан бүт эле Орто Азиядагы кыргыз улуту эң соңку калыпташуу баскычын басып бүткөн.

XVI кылымдын соңунда, падышачыл Россиянын кедейчилдик толкунуна Сибирия да кошо оролуп кирет да, Сибирь каганаты багынып берет. Падышачыл Россиянын кошууну барып Жуңгонун (Кытайдын) ойрот моңгулдарын согот. Ошондо ойроттордун карамагында болуп турган энесайлык кыргыздарга да дүмөк түшөт[1]. 1618-жылы Россия гисактардын Көктөм дайрасынын жогору жагында болот да, бул дайранын төмөн жагындагы кыргыздардын жергесине Костаниский сыяктуу оторчул конуштарды курат. Кийин уламдан-улам Косинскийден Красноярскиге чейин болгон зор көлөмдөгү кыргыздардын жергесин ээлеп алат. Каруулуу жоого бет келген кыргыздар менен оторчуларга каршы баатырдык, өжөрлүк менен согуш жасайт. Болуп да 1627–1635-жылдары кыргыздар Красноярск, Косинскидеги падышачыл Россия оторчуларына көп жолу сокку берет. Ошондуктан орус оторчулары кыргыздарды «абдан кырат». 1639-жылдан 1641-жылга дейре кыргыздар уландуу каршылык көрсөтүп турат. Красноярск курчоосуна бир жыл чамасы байым кылат. Падышачыл Россиянын көмөкчү черүүсү келип жеткенде анан кыргыздар аргасыздан майтарылат. Алар чегинип берген кезде, падышалык Россия Черим дайрасынын жогорку өндүрүндөгү мурдагы кыргыздардын жергесине Качанский ээлөөчү конушун курат[2]. Кыргыз эли жанын канжыгасына байлап коюп каршылык согуш жасайт. XVII кылымда бир кылымга чейин байым кылат». 1701-жылы үч тармак падышалык Россиянын аскерий кошуунунун жапырык жасап кирүүсүнө кабылгандыктан, кыргыздар чоң зыянга учурайт, «ошондо анан алар өздөрүнүн конуштарынан айрылбаса болбой турган болуп турасы түгөнөт[3][4]. 1703-жылы күзүн дөсү, оор зыянга учураган кыргыздар ойроттордун чечимине моюн сунуп 2 миң 500 ойрот жоокеринин жол баштоосу менен бирөө да калбай  Саян тоолорун ашып, Эртиш (Ыртыш) дайрасынын чыгыш түштүгүндөгү жайлоолорго көчүп келишет. Көч жүрүшүндө, аз сандуулары Саян тоосу менен Таңнур тоосунун өндүрлөрүндө калып калгандарынан (Туба районунда) бөлүктөрү көп сандуу адамдар кий ин батыш Ысык-Көл районуна көчүп келишкен3. Жазма маалыматтарга караганда, ошол кезде Энесай өрөөнүндө бир кыргыз калбаган. Алар көчмөн малчылык менен нече миң жылдар жашап келген ата конуштарынан сүрүлүп чыгып, эң соңунда Тянь-Шань өңүрлөрүндөгү экинчи ата конушундагы боордошторунун жанына көчүп келишкен. Мына ошентип, Тянь-Шань менен Энесайдагы эки чоң бөлүк кыргыздар эң соңунда келип киришкен. Мына ошондо анан Орто Азия кыргыз улуту эң соңку калыпташуу баскычын басып бүткөн.

Ал эми XVI кылымда кыргыздардын Ысык-Көл өндүрү болгон Тянь-Шань районунда эчак эле жашоо жергеси болгону менен бирок ошол кезде Могулстан, Казак жуңгар өз ара тынчы жок согушун, аралаш отурукташуу болгондуктан, кыргыздардын да айкын, арийне тынч болгон жашоо жергеси калыпташып кете алган эмес. Ал эми XVIII кылымдын башында эң соңку батышка көчүү бүткөндөн кийин, ошондой бир кыйла тынч болгон орток жашоо жергеси соңунда барып калыптанган. Бартольд мындай деп карайт: «XVIII кылымда кыргыздар Ысык-Көл өндүрлөрүндө көчмөн малчылык менен турмуш кечирген бир гана түркий адамдарынан болгон. Эң соңунда, Орто Азия кыргыз улутунун орток жергеси андан ары кеңейе берип, Талас дайра өрөөнү менен Чүй дайра өрөөнү, Ысык-Көл бойлору, Кочкор жана Жумгал, Ат-Башы менен Нарын, ошондон ары Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Тянь-Шандын башка райондорун өз ичине алган жерлерде жайгашып калышкан»[5].

XVIII кылымдын башында Энесай кыргыздары зор көлөмдө Ысык-Көл өрөөнүнө көчүп келгендиктен, алар кийинки Орто Азия кыргыз улутунун курамы арткан, алар Орто Азия кыргыз улутунун соңку калыптанышына зарыл роль ойноп берген. Кадыресе, алардын көчүп келиши кечең болгондуктан, эртедеги моңгул мезгилинде Орто Азияга көчүп келген элдердей, узак мезгил Орто Азиядагы башка улуттардын таасирине учурабаган. Ошондуктан Орто Азия кыргыз улутунун тили башка Орто Азиядагы элдердин тили сыңары парс сыяктуу башка тилдерден көптөгөн сөздөрдү кабылдабаган. Арийне «башка тилдерден өздөштүргөн сөздөр бир кыйла аз» болгон. Орто Азия кыргыздарынын тил өзгөчөлүгү XVIII кылымдагы эң соңку Батышка көчүп келген Энесай кыргыздарынын тилдик өзгөчөлүктөрүн туюнтуп турат. Ошондуктан кыргыз тили кереметтей «Түштүк Алтай тилине окшош» болуп калган. Орто Азия кыргыз улутунун соңку калыптанышы XVIII кылымдагы чоң көчүп келүүдөн кийин болгондуктан, ошого алардын улутунун психологиялык каражаттарын туюнткан санжыра өзгөчөлүгү да бүтүндөй эле «Моңгул хандарынын балдарына энчилеп берген жерлерге келген Орто Азиядагы жана Казакстандагы башка улуттарга окшобойт, кадыресе «алтайлыктарга, хакастарга ошондой эле Энесай – Эртыш өрөөндөрүндөгү башка улуттарга окшош» болгон ж. б. у. с.

Мына ушуларга окшош чыныгы иштер менен түшүндүргөн маселелер X кылым өмүрүн жумшап, үч баскычтуу батышка көчүү доорду башынан өткөрүп, анан эң соңунда азыркы Орто Азия Тянь-Шандагы кыргыз улутун калыпташтырган. Мына ушулардан көрүнүп турганы, байыркы бийлөөчү таптар чыгарган санаксыз тынчы жок согуштар менен падышалык Россиянын кеңейечилдиги айынан кыргыздар өз өрүшү, өлөң конушунан айрылып, көрбөгөн машакаттар чегип келген. Баатыр кыргыз эли өтө зор бедел төлөп, соңунда жер бетинде жашап калган. Алар сөзсүз азаптуу тарыхый кечирмештеринен жооп таба алат да, түрдүү оторчул кеңчилик саясаттарга тойторуш берип, бүткүл дүйнөлүк тынчтык менен бейпилчиликке өздөрүнүн салымын кошот.

Кытайчадан которгон Макелек ӨМҮРБАЙ

[1] Бадыл түзгөн «Россия, Моңгул, Жунго» дегендин 1919-жылы Лондондун басылышынын экинчи томунун 37–39-беттерин караңыз. Бул китепте айтылышынча  Федоров Жуңгонун ойрот районунан көп ирет кытай падышасынын мансаптарлар – изи калмактардан (ойроттордун) бабы салык жыйнап жүргөнүн» көргөн. Андан дагы «азыркы казактар каганаты менен кыргыз каганатынын бардыгы калмактарга баш иет» – деп уккан.

[2] «Россия, Моңгул, Жуңго» китебинин экинчи тому, 93–94-беттер.

[3] Кабо түзгөн «Тува тарыхы жана экономикасынан баян». – М., 1934-жыл, 54–65-беттер.

[4] Жогорку китептин 55-бетинде, ошондой эле «XVIII кылымдагы Сибирия тарых жазмаларынын 1-китебинин 232-бети, бул макалада накыл алынганы: «Сираткиндин «Жуңгар кагандыгынын тарыхы», 5-бабы, 329-бети, ошондо Кабо мындай деп көрсөткөн: «Кыргыздар менен Саян тоосу жакка көчкөндөрдөн жана тувалар, маттарлар сыяктуулар болгон».

[5] Жамгырчинов Б.  «Кыргызстандын Россияга бириктирилиши».

– М., 1959-жыл, 9-бет.

У-ЛАҢ

МОҢГУЛДАР КЫРГЫЗДАРДЫ БОЙ СУНДУРГАН

Тарыхый чындыктын бир нече маселелери

Кыргыздар – тарыхы узун, байыркы улут. Алар жөнүндөгү тарыхый жазмалардын эң алгачкысы хан доорунун кээ бир тарыхый китептеринде кезигет. Ошол кезде кыргыздар «чекүн», «жыйан күн» деген жазылышы боюнча тарыхка түшкөн. Андан кийин Сүй, Таң доорунда кыргыздар «чи гү» (чигу), «же гү» (жегу), «хы гү, (хыгу), «жү ху» (жуху), «хы хыс» (хыхыс), «шиагас» (шиагас) сыяктуу жазылыштар менен жазылган. Лийа доорунда «шийа гас» болуп жазылган. Алар Таң сулаласына жана Лиав сулаласына караган. Орхон өрөөнүндөгү таш жазма эстеликте «кыркыз» деп жазылган. Анын тили уйгурлардыкы менен окшош», атап айтканда, уйгурларга окшош эле алтай тил системасындагы түрк тилдер үй-бүлөсүнө кирет. Жогоруда айтылган улуттун атынын которулушунун бардыгы түрк тилиндеги «кыркыз деген аттын ар башка которулуп жазылышы болуп эсептелет. Бул сөздүн түпкү мааниси «кырк» сан, «-ыз» көпт үктү билдирген мүчө болгон. Бул аталма сөздүн өзүнөн кыргыз улуту көптөгөн уруулардан куралганын түшүндүрүп турат. Бул жөнүндө «Йуан тарыхы» дегенде мындай уламыш жазылган; «Алгач ханзу жеринен келген 40 кыз орустун жигиттери менен той жасаган. Ошого ошол маанидеги ат коюлган. Бул уруу (кыргыздар) Иуан доорунда, азыркы Анкара дайрасынан тартып, Энесай дайрасынын аралыгындагы Кең жергеде жайгашкан. Алар «ак боз үйлөрдө туру шат, чөп-суу жайытына карай мал багып жүрүшөт, эгинчиликти билишет, кар үстүндө чаңгы менен аң уулашат». Малчылык, дыйканчылык, аңчылык менен турмуш өткөрөт.

Чыңгыс хан мамлекет кургандан кийин кыргыз сыяктуу токойлук элдерди бат эле багындырып алган. Буга байланыштуу тарыхта жазылгандар көп эмес, бирок ар кайсы китептерде окшобостуктар аз эмес болуп келет. Ошондуктан, буга карата моңгул тарыхын изилдөөчүлөр аз болбогон илимий ырастоолорду жана илимий баяндарды алып барышты. Болуп да жакындан бери бул жагындагы изилдөөлөрдө дагы бир топ тереңдөөлөр болду. Мисалга алсак, «Йуан доорундагы кыргыздар жана анын коңшу уруулары», «Йуан сулаласынын Тану Ураңкай жана анын айланасындагы райондорго болгон бийлиги» деген сыяктуу макалалар ошол кездеги токойлук элдердин географиялык ордун Жочинин жортуулунун абалын жана Йуан сулаласынын бул районго бийлик жүргүзгөн абалы сыяктуулардын бардыгын абдан майдалай айтып, илимий далилдеген. Бул макала, тек гана токойлук элдин бир түрү болгон кыргыздардын Чыңгысханга көз каранды болгон ишиндеги айрым маселелерге көз карашын коюп көрүп, бул жагынан бышыгып алууну көздөдү. Ал эми маселелерди түшүндүрүү үчүн, бул макалада тарыхый аксакалдардын көптөгөн изилдөө ийгиликтеринен пайдаланды жана тарыхый материалдардан иштетилди. Накыл алынган орундар көп болуп, эскертүүлөр татаалдашып кетүүдөн аянып, бардыгына бирден түшүнүк эскертүү берүүгө мүмкүн болбогону үчүн кечирим суранам.

Кыргыздар жана башка токойлук элдердин бой сунууга барышы

1207-жылы кыргыздын ар бир уруусу Жочи баштаган моңгулдун кошууну жагынан бой сундурулган. Моңгулдун кыргызды бой сундургандыгы жөнүндөгү тарыхый чындык «йуан сула ласынын купуя тарыхы» («моңгул купуя тарыхы») дегендин 239-тароосунда мындай жазылган: «Коён жылы, Чыңгысхан Жочиге буйрук берип, оң кол кошуундук алып токойлук элди багынтып келүүнү буйруган. Ошондо Бука жол баштайт, ойроттордун Кудукбеги түмөн ойрот үчүн багынып алдына келет да, Жочини ойротторду багынтууга баштап барат. Шыкшыттын жерине киргенде ойрот, бурят, баркун, орусту, капканас, каңкас, тобас) баары келип багынат. Андан ары түмөн кыргызга жөнөйт. Алардын баш кишилери жети инал, Алдаяр, Олобектегиндер келип бой сунат. Алар булгун, ак боз ат, кара суусар алып келип, Жочинин алдынан өтүшөт».

Бул үзүндүдө кыргыздар жана алардан мурда Жочиге багынган ар кайсы уруулардын аттары аталып жазылган. Элдин илимий ырасташына негиз бул уруулардын географиялык ордунан алып айтканда, эки бөлүккө бөлүүгө болот. Бурят, баркан сыяктуу уруулар чыгыш жагында болуп, Байкал көлү районунун тургундары эсептелет; ойрот, орусту, капканас, тобас, кыргыз сыяктуу уруулар батыш жакта болуп, Күсгүр көлү, ошондой эле Энесай дайра өрөөнүнүн тургундары эсептелет.

Жогоруда накыл келтирген тарыхый эстеликтен караганда, чыгыштагы бир канча уруу кандай багынгандыгы анык айтылбаганы менен батыштагы ар кайсы уруулардын багынгандык жүрүшүн так сызып көрсөтүүгө болот. «Купуя тарыхта» «ойроттордун Кудукбек… алдына келип багынат да, Жочини түмөн ойротко баштап барып багындырат. Шыкшыттардын жергесине кирет»,— деп жазылганынан ойроттордун ар кайсы урууларынын көпчүлүк бөлүгү шыкшын жергесинде конушкандыгын, ал моңгул талаасына эң жакын уруу экенин көрүп алууга, ал эми ойроттордун Кудукбек башчылык эткен бөлүгү ошол райондун түштүк жагында экенин көрүүгө болот. Шыкшыт дайрасы түштүк жактан агып келип Энесай дайрасынын түштүк куймасы болгон Көкүм дайрасына куя турган бир айрыгы эсептелет. Көкүм, Улуу Кем, Кемкем дайраларынын өндүрүндөгү райондордо тубастар конуштаган. Көкүм дайрасынын түндүгү, Энесай дайрасынын баш куймасы болгон Беким дайра өндүр районунда Капканас эли отурган. Беким дайрасынын Батыш түндүк жагында чыгыштан агып Энесай дайрасына кошула турган бир айрык болуп, аны Ус дайрасы деп атаган. Орустун эли мына ошол өндүргө конуштанган.

Кыргыздар ээлеген географиялык орун жөнүндө «йуан тарыхы география санжырасындагы» кыргыздар бөлү гүндө мындай жазылган: «Чебинин узундугу 1400 чакырым келет. Жарымынан көп бөлүгүнөн Кем дайрасы агып өтөт, ал дайра батыш түндүккө агат. Түштүктө дагы бир суу болуп, ал Оп суусу деп аталат, чыгыш түндүк жагында бир суу бар, ал Үп суусу деп аталат. Суулардын агыны катуу, Кем дайрасына кую лат. Андан ары Анкара дайрасы менен түндүккө агып, деңизге куят». Кем дайрасы азыркы Энесай дайрасы болуп эсептелет; Оп суусу азыркы Абакан дайрасы болот. Үп суусу анын китебинде айтылган. Жогорудагы жазылган тарыхтын абалына караганда, Үп дайрасы чыгыш түндүк жактан Энесай дайра сына куя турган бир кыйла чоң айрык суу болуп, Анкара дайрасына бир кыйла жакын жерде болсо керек. Мына ушундан, кыргыздардын жергеси болжол менен Абакан дайрасынан Анкара дайрасына чейин болгон кең аралыктагы жергени өз ичине алган деп айтууга болот.

Андан бөлөк, «Жуу тарых наамасы, түрктөр санжырасы» деген китепте да кыргыздардын жайгашкан жери жөнүндө бир сүйлөм жазылган: «…алардын мамлекети Оп суусу менен Кем суусунун ортосунда болуп, аты кыргыз (чыгү) деп аталат». Мында айтылган Оп суусу, Кем суусу «Йуан тарыхында» айтылган Оп, Кем суулары болгон, «чыгү» деп жазылганы кыргыз болуп эсептелет. Бул бир сүйлөм сөз кыргыздар эзелтен эле Абакан дайрасы менен Энесай өрөөндөрүндө жашап келе жатканын түшүндүрүп берет.

«Йуан тарыхы география шежиресинин» Ус бөлүгүндө мындай айтылган: «Ус суусунун атынан улам коюлган болуп, кыргыздардын чыгышы Кем дайрасынын түндүк жагында», Ус «купуя тарыхы» орусту болуп жазылган. Бул жерде айтылган Кем дайрасы — Көкүм дайрасы менен Беким дайрасы кошулгандан кийин дагы Ус дайра чатында Уска кошулушкандан кийинки дайра Энесай дайрасы болуп эсептелет. Ус дайрасы Энесай дайрасына кошулгандан кийин, андан ары батыш түндүктү көздөй агып кете берет, ага Абакан дайрасы батыштан келип дагы кошулат. Мына бул чөлкөм так ошол «Жуу тарых наамасында» айтылган кыргыз жергеси болуп эсептелет. Кадыресе так эле орустун батыш түндүк жагы болуп, орусту «Кыргыздын чыгышында» деген тарыхый жазуу менен төп келет.

Жогорудагы тарыхта жазылгандар кыргыздар баштатан эле Абакан дайрасы менен Энесай дайрасынын аймагын жашоо борбору кылып келгенин түшүндүрүп берет.

«Аалам тынчтык эстелиги» деген китептин кыргыздар тароосунда бул район мындай жазылган: «Тапан балыгы бар, анын оозу алкымынын алдында, сөөгү жок болот». Советтик Левин сыяктуулар илимий далилдеп, бул түрдөгү тапан балык «чортон балык болуп, Энесай дайрасында жашайт, бирок корумдуу жерге чейин гана болот, ошондуктан кыргыздардын жергеси чоң таштуу корумдун түндүк жагында болгон, жогорку агымындагы райондор тобастардын чөлкөмү болгон деп өкүм кылууга болот»[1]. Мында айтылган «шыйагас», «жегү» дегендер кыргыздарды көрсөтөт, дубо деп жазылган тобастар бол гон. Мына бул баяндагы чоң корумдарды чек кылгандыгы тобастар Энесай дайрасынын эң жогору жагында, кыргыздар болсо дайранын төмөнкү алабына жайгашкан деген ой түшүндүрөт. Тобастар менен кашканастар бүт эл Саян тоосунун түштүгүндөгү Таңну Ураңгай (азыркы Тува областын) чөлкөмүндө, Ус дайрасы Саян тоосунун түндүк өңүрүндө болгон. Ошондуктан, Устан өткөндөн эле кыргыз жергеси болгон деп айтууга болот.

Ар кайсы уруулардын географиялык орду белгиленгенсиди, эми биз «Купуя тарыхтын» 239-тароосунда жазылгандар менен салыштырып, Жочинин кыргыздарга барган жолун айкындап көрсөк болот. Жочи черүүгө аттанганда, Селинге дайрасынын бир айрыгы болгон Делгер дайрасынын башынан жүргөн болсо керек. Анда элден мурда токойлук элдердин ичинде моңгул талаасына эң эле жакын ойроттордун бир тобуна соктуккан анын баш кишиси Кудукбек согуш жасабай эле багынып, Жочинин моңгул кошуунун баштап, Делгаркан тоосун ашып, Шыкшыт дайра өрөөнүнө барып, ал жердеги ойроттордун башка урууларын багындырган, андан кийин Жочи «багынып берсин» деп айттырган элчисин жиберген, же бир бөлүк кол жиберип, ошол жердин чыгыш түндүгүнө жортуул жасап, Байкал көлү районундагы бурят сыяктууларды багындырган. Ал эми өзү чоң кошуунду алып, Шыкшыт дайрасын бойлоп жүрүп отуруп, Көкүм, Улуукем, Кемкем дайраларынын өндүрлөрүнө кирип, бул ра йондогу тобас уруусун багындырган. Ошондон ары уландуу эле Энесай дайрасынын башаты Беким дайра өндүрүндөгү капканас уруусу менен Энесай дайрасынын дагы бир айрыгы болгон Ус дайра өндүрүндөгү орусту уруусун багындырган. Эң соңунда орусту дайрасын бойлой батыш түндүккө карай кол аттанып, кыргыздардын борбордук районуна барган. Ошол кезде Жочи эки элчи салып, кыргыздардын баш кишилерине барып, аларды багынып берүүгө жумшайт. Кыргыздардын ал баш кишилери моңгул колунун үкүс кылуусу менен эле, ак булгун сыяктуу ошол жердин асыл буюмдарын тартуулап, Чыңгысхандын колуна карай тургандыктарын билдиришкен.

«Тарыхтар жыйнагындагы» (Жамиул тарыхы) кийин кыргыздарды багындыргандыгын сүрөттөгөн жазуудан да бул жолду көрүп алууга болот. Анда алдында айтканында: «Жочи сыяктуулар «Муз менен жүрүп, бүт тоңгон Селинга сыяктуу дайралар аркылуу кыргыздарга жапырып кирген. Жоокер колу киргенде жана кайра кайтканда, ал ошол жердеги урууларды (орусту, талаңгут, кыштым) колго түшүргөн». Дагы мындай жазылган: «Жочи жетип барганда, Кемкем аймагынын дайралары бүт тоңуп, муз болуп калган. Алар муз менен өтүп барып, кыргыздарды багындырып кайткан. Бул баян арийне бөлөк бир жолку болгон окуяны көрсөтүп турса да, бирок кайра эле Селинге дайрасынын баш жагындагы өндүрдөн аттанып, Шыкшыт дайрасы менен ойроттордун чөлкөмүнө барып, андан ары жүрүп Энесай өрөөнүнө түшүп, эң соңунда кыргыздарды багынткан. Дагы бир далил: Йуан Шызу Жыйуандин 28жылы (1291) 9-айда, «Кыргыздар менен ойротторго алты жасак ордун курган»[2]. Бул алты жасак ордунун болжол менен катар тартиби кыргыздардан тираңгут, орусту (эки жасак орду), капканас – ойрот болуп келген[3]. Мына ушул жасак орду жолдорунан аркага карай жүрсө, Жочи ошол жолу алды-кийин болуп токойлук элди багынткан жол боюнча болуп жогоруда накыл келтирген үзүндүдөн кийин, «Купуя тарыхына» дагы мындай жазылган: «Сыбыр, кыштым, байыт, токсу, терек, төөлөс, тас, байбыгыт сыяктуу түштүк токойлук элдерди Жочи колго түшүрдү». Бул бир нече уруу, же болбосо, кыргыздардын айланасында же болбосо кыргыздардын айланасындагылар асыресе, анын түндүк жагында моңгулдардын сүрү жеткендиктен, калган башка уруулар деле ошолордун багынган аңыртын угуп эле багынып берген түрү бар.

[1] Левин жана башкалар түзгөн «Сибирия ар улуту» 4-бет. Совет илимдер академиясы. 1956-жыл.

[2]  «Йуан тарыхы. Шыэу жыл санагы» 16-ором, 350-бет.

[3] «Чыгыш сөздүгү, жасак орду», Иули сөздүгү, 19419-ором.

Тарыхый китептердеги бир нече адам ысымдарынын окшоштугу

«Купуя тарыхта» кыргыздардын багынгандыгы жөнүндө мындай айтылган: «…алардын баш кишилери Жетинал, Алд ыяр, Олобектегиндер келип бой сунду». «Олуянын өз жортуулу» аттуу китепте, «Тарыхтар жыйнагы» жана «Йуан тарыхы» сыяктуулардагы Жетинал дегенге окшош ысымдардын жазылышы «Купуя тарыхтагы» менен окшобостуктар бар.

«Йуан тарыхы» деген китепте жөнөкөй гана кыргыздардын «Жетинал уруусу, Алдыяр уруусу элчи болуп келип, атактуу бүркүт тартуулады»[1] – деп эле жазылган.

«Өз жортуулу» дегенде мындай жазылган: «Коён жылы (1207)…, алды менен андан, бууйла эки элчи кыргыз уруу суна жиберилет. Алардын баш кишилери Орус инал менен Алдыяр, Жет инал уруусунун элчилери Иликтемир Аткурак эки адам бизге элчи болуп келди. Достукка Акбулгун тартуулады»[2]. «Тарыхтар жыйнагында» мындай жазылган: «Ошол Коён жылы, Чынгысхан Алтан, Була эки элчисин кыргыздардын Йем жана баш кишилери бар жерге жиберет. Алар алды менен… жерлерге барат. Ал жердегилер Йемин… деп атайт экен. Андан ары жүрүп дагы Жети-Улуң деген жерге барат. Ал жерде Йемин Орус Иналдын району деп аталат экен. Эки Йем ал эки элчини аябай урматташат. Алар да эки элчи жиберет. Бирөөнүн ысымы Иликтемир, дагы бирөөнүн ысымы Аткурак экен. Алар бир ак кушту алып Чынгысхандын элчилери менен бирге келип, Чынгызханга карай турган болот[3]. Анын дагы бир жеринде бир үзүндү айтылган болуп, мазмуну ушуга жакын болот[4]. «Өз жортуул» деген китеп менен «Йуан тарыхында» Жети и нал, Алдыяр «Купуя тарыхтагы» Жети инал, Алдыяр болуп айтылышында маселе жок. Эмки кеп Жети инал, Алдыяр «Купуя тарыхтан» адам ысмы болуп келсе, «Йуан тарыхында» «уруу», «Өздүк жортуулда» да «уруу» болуп айтылып, «алардын баш кишиси Орус Инал» дегенге жымсал кылып эки уруунун аты сыңары берилип турат.

«Тарыхтар жыйнагындагы» жазылышына караганда кыргыздардын «баш кишилери арийне өздөрүнүн ысымдары болсо да, урматтап атаганда Инал дешет»[5]. Абылгазынын айтуусуна караганда, кыргыздар мансаптарын Инал дешет. Ал моңгулдар менен татарлардын падыша деген сөзүнө барабар келет. Мына булар Инал кыргыз тилинде баш киши деген мааниде айтылганын түшүндүрүп турат[6]. Андан кийин «тегин» («дигин») түркүй элдин баш кишиси маанисинде болуп, Таң доорундагы материалдарда дайыма айтылган «тили» болуп эсептелет.

Ошондуктан Жети Инал менен Олобектегин адам ысым экендигине күмөн жок. Андай болгон соң алар менен катар айтылган Алдыяр деле ошондой адам ысымы болот. Мында айтылган Жети Инал уруусу менен Алдыяр уруусу ошол эки адам башчылыгындагы уруулар экенин түшүнүүгө болот. Себеби «Өздүк жортуул» китебинде сөздөр абдан мажирөө берилгендиктен көп чаташуулар бар.

Жогоруда накыл келтирилген үзүндүлөрдөн караганда, «Купуя тарых», «Йуан тарыхында» багынууга гана келишкен башчы кишилердин аты аталган. «Өз жортуулу» менен «Тарыхтар жыйнагында» кыргыздар кайра жиберген элчилер — Иликтемир менен Аткурак экөөнүн аты да жазылган. Ал эми «Тарыхтар жыйнагынын» дагы бир жеринде бир элчинин ысымы Артык аталып, анын аты – Урут-Утуйу[7] делген. Моңгул тарыхын изилдөөчү аксакалдар булар нече түрдөгү тарыхый китептерге түшүнүк берүүдө көптөгөн пайдалуу кызматтарын өткөрүштү. Бирок бул бир нече адамдын ысымдарын чечмелеп берүүдө анчейин купулга толбой келди.

 Тужы менен П. Пиллиот «Өздүк жортуулдагы» Атолиланы Алдыярдын окшобогон тыбыштык котормосу деп айтышты, тек ошол «Өздүк жортуулда» гана бар болгон Алитола тетири айтылып, Атолила болуп калган[8]. Тужы накыл келтирген Атокыйла сөзүнүн негизи Жуйотиң, Хы Чийутавлардын «Олуян ын өз жортуулу» нускасы болгон. Ал эми Фубиндин «Олуянын өз жортуулу» нускасында Атокыл деп жазылган. Атокойла «Тарыхтар жыйнагында» орусча нускасында Аткурак, же болбосо «Аткырак» болуп жазылган. Алдыярда мурдагысы боюнча эле Алдыяр болуп жазылганда, ал экөөнүн тыбышталуусунда айырма аябай чоң болгон. Кайра айтканда, Алдыяр «Өз жортуулдагы» Алтыяр менен окшош. «Өз жортуулдагы» Атокыял Алдыяр сыяктуу жиберилген элчи кандайча бул эки адам чаташтырылып калды.

Тужы менен Ваң Говый «Өз жортуулу» дагы Иликтемир жана «Йуан тарыхындагы» Иликтемир менен «Купуя тарыхтагы» Олобектегинди бир киши деп алышкан[9]. Иликтемир менен Ылыктемир бир эле сөздүн эки башка жазылышы болуп, аны Олобектегин деп айтуу эч качан эп келбейт. Ошого окшош бул эки адам «Купуя тарыхы» «Өз жортуул» жана «Тарыхтар жыйнагында» айрым-айрым бир уруу башчысы, бирөө элчи экенин түшүндүргөн. Окшобогон тарыхтарда жазылган ар кайсысы өз аты менен аталган адамдарды күчкө салып бириктирип, бир адам кылып көрсөтүүгө болбойт.

Ваң Говый сыяктуу адамдардын бул түрдөгү чечмелөөсүнөн бөлөк, Гавчуан Жети иналды эки адамдын ысымы деп караган[10][11]. Себеби «Купуя тарыхта» түпкү нускасынын жанына которулган кезде Жети инал деген сөз эки башка жазылганда эки башка жерге адам ысымы деп эскертилген. Бирок бул тароонун жалпы котормосунда Жети иналды бир адамдын ысымы деп которгон. Анан бөлөк «Тарыхтар жыйнагы» сыяктуу китептерде «Инал кыргыздардын баш кишисинин мансап аталышы деп чечмелеп айткан. Ошондуктан аны бир адамдын аты деп алса болбойт. «Купуя тарыхтын» саптар боюнча котормосунун аталган жери ката болгон десек болот. Ал эми Гав Бавчван Жети иналды эки киши деп карап эле калбай, кадыресе андан ары «Иналды» «Иналчы» кылып салган[12]. Иналчы деген кайсы адам болгон? «Купуя тарыхтын» жогоруда накыл алган үзүндүсүнүн соңунда мындай жазган: «Жочи… булгун, ат, суусар сыяктууларды алып Чыңгысханга келет. Чыңгысханга ойроттордун Кудукбеги алдында келип бой сунат. (Чынгызхан) эт боор кызын анын (Кудукбектин) уулу Иналчыга берет». Бул жерде бир суроо туулат, ойроттордун Иналчыны (Иналды бир адамдын ысымы деп караганда – котормочу) кандай эле кыргыздарга жетип барып башчы боло калат? Абал андай эмес – биз алдында айтып өткөндөй Жети Инал бир эле адамдын ысымы болгон. «Инал» деген бир мансап аты же укук аты болгон. Ошондуктан ал Чыңгысхандын кызын алган ойроттордун Иналчысы менен кыргыздардын Жети инал эч кандай байланышы жок эки башка иш[13].

Тужинин баамында, «Тарыхтар жыйнагы» жети улун болсо, «Купуя тарыхта» айтылган Жети Инал деп карайт. Ал «Тарыхтар жыйнагынын» түпкү нускасын көр бөгөн. Себеби түпкү нускада айтылганы, бир жер болуп, ал жети улун деп аталат, ал жердин башчысы Орус инал[14]. Мында айкын айтылганы жети улун жер аты, аны адам ысымына салыштырууга болбойт. Ки Шавмын «Өз жортуулундагы» Орус инал болсо «Купуя тарыхта» айтылган Жети инал деп карайт. Анда Ки Тунши Жети инал болсо Жети уруунун башчысы деген мааниде, ал башчынын ысымы Орус болгон деп карайт[15]. Алардын карашы «Тарыхтар жыйнагында» жазылгандарды негиз кылган. Бул түрдөгү чечмелөө бир кыйла жөндүү болгон.

[1] «Йуан тарыхы. Тайзу жыл санагы» 1-ором. 14-бет.

[2] «Олуянын өз жортуулу» (Ва Жуңый осуяты наама) 47-бет.

[3] «Тарыхтар жыйнагы» 1-ором, 2-китеп, 151-бет. Текстте… көп жери күдүк болуп калган.

[4] Йуан доорунда «Кырк кыз» деп окулат.

[5] «Тарыхтар жыйнагы» 1-ором, 1-китеп, 150-бет.

[6] «Инал, инел» болуп айтылат уруу башы деген мааниде.

[7] Түркү тилинде «Алты йер».

[8] «Моңол тарыхы эстеликтери» 3-ором, 7-бет.

[9] «Олуянын өз жортуулу салыштырып түшүнүк берүү» 47-бет.

«Моңол тарыхы эстеликтери». 3-ором, 7-бет.

[10] Гав Бавжуан «Йуан купуя тарыхы» түзөтүп эскертүүлөр. 12-ором,

[11] -бет.

[12] Ошондо.

[13] Чагатай тилинде «Иналчык» деген сөз болуп, «баш киши, хан» делип которулган. Адамдын ысымы катары да келген.

[14] Кый Шавмик «Жаңы Йуан тарыхын изилдеп далилдөө» 3-ором, 2-бет.

[15] Нактон «Чыңгысхан иштер эстелиги», 10-ором, 399–400-беттер.

«Йуан сулаласынын купуя тарыхында»

(«Моңгул купуя тарыхы») калып калган зарыл тарыхый чындык — кыргыздардын көтөрүлүшү

«Олуянын өз жортуулунда» жазылган коён жылындагы (1207) окуя жогоруда накыл келтирилди. «Купуя тарыхы» менен «Йуан тарыхында» ушул тарыхый чындык айтылгандан кийин, дагы жолборс жылында (1218) мындай жазылган: «Алды менен туматтар каршы көтөр үлгөн. Кыргыздарды черүү салып (туматтарга – котормочу) кирсин деп элчи жиберсе, алар болбой коёт да, өздөрү да көтөрүлүш жасайт. Ошондо улуу уулуна буйрук берип, аларды тынчытып келүүгө жөнөтөт. Бука жол баштайт да, кыргызга жете барат. Има дайрасына барышат. Улуу уул кошуунун баштап Кем суусунан өтүп барып, аларды багындырат. Алар: кыргыз, капканас, талаңгут, кыштым, арийне токойлук элдердин ар кайсы уруулары болгон».

«Тарыхтар жыйнагындагы» «Чыңгысхан жылдары» дегендин жолборс жылы (1218) ичинде мындай баян жазылбаган. «Уруулар санжырасы» деген жеринин кыргыз уруусу деген бөлүгүндө Коён жылындагы (1207) багынуу ишин айтып келип, андан соң мындай деп жазылган: «12 жыл өткөндөн кийин жолборс жылы… туматтар тополоң чыгарган кезде, ошол урууга жакын коңшу болгон кыргыздарды аларды тынчытуу үчүн, (моңгулдар) кыргыздарды черүү салсын деп айттырса, алар болбой коёт, кадыресе алар да көтөрүлүш жасайт. Чыңгысхан өзүнүн баласы Жочини кошуун баштайт, аларга жиберет. Алардын баш кишиси Корлун экен (моңгулдарды Нока жол баштап барат). Кыргыздарга сокку берип, 8-дайрадан кайра кайтат. Жочи жетип барган кезде Кемкем аймагынын дайрасы муз болуп тоңгон экен. Ал муз аркылуу өтүп барып, кыргыздарды тынчытып кайткан». Орусту, талаңгут, кыштым деген бөлүгүндө дагы мындай айткан: «Кыргыздар эчак бой сунган. Андан кийин дагы каршы көтөрүлүш жасаган кезде, Чыңгысхан өзүнүн баласы Жочини жогоруда аталган урууларга жиберген. Алар муз аркылуу жүрүп, муз болуп тоңгон Шуанлыңгы дайрасы аркылуу кыргыз жергесине киришкен. Ошол жолу жортуулга барганда жана кайтарында, ал бир канча урууларды бой сундурган»[1].

Ваң Говый «Өз жортуулунан» жогорку накылды алып мындай түшүнүк берген: («Купуя тарыхта») чоң уул кыргыздарга жортуулга барышы жана токойлук элдерди багынткан иши коён жылында болгон. Илгери Чынмо (1211) Гожинден мурда, коён жылын мүчөл кылган, мүчөл эмес жыл (1219) болгон. Ошол «Өз жортуулундагы» айтылгандар мүчөл эмес жылдын бир жыл алдында болгон. Жазган адам ал иштерди мүчөл эмес жылы (1219) жазган. Аны иреттеп түзөтүп чыкпаган. Ал бул «Купуя тарыхтын» жыл тартибин ооштуруп, ошол үзүндүдөгү кыргыздардын көтөрүлүш жасаган тарыхый чындыгын алдында накыл келтирген кыргыздардын бой сунуп бе ри шиндеги коён жылына (1207) алып барып айткан. Түрдүү тарыхый материалдарды жалпы карап талдоо Ваң Говыйдын тыянагы таман тиреп тура албайт.

 Биринчиден, коён жылы «Өз жортуулунда», «Купуя тарыхта» окшош эле кыргыздардын багынышын коён жылы деп жазган. Ал эми «Өз жортуулу» менен «Тарыхтар жыйнагы» эки түрдүү аралыгы түмөн чакырым болсо да бир эле мезгилде жазылган кытайча,фарсча тарыхый материалдарда жолборс жылындагы (1218) жанагы айтылган үзүндү жазылып калган. Алардын негиз кылгандары моңгул ордосундагы тарыхый китеп «Алтын билекте» жазылган баяндардан экенин далилдеп турат. Арийне булар «Купуя тарых» менен «Йуан тарыхынан» түшүп калган. Экинчиден, «Тарыхтар жыйнагында» коён жылындагы (1207) кыргыздар багынгандык абалын айтып болуп эле, анын аркасынан мындай жазган: «12 жыл өткөндөн кийин жолборс жылы кыргыздар кайра көтөрүлүш жасаган». Ошондуктан, «Өз жортуулу», моңгулча нускадан которгон кезде,окшош эле он эки жылдан кийин ошол иш чыкканын айкын айткан. Дегеле бир эле жылда болгон ишти экиге бөлүп салбаган. Үчүнчүдөн, «Өз жортуулу» менен «Тарыхтар жыйна гында» бирдей эле кыргыздардын көтөрүлүш жасашы «тумас уруусунун каршы көтөрүлүш жасоосунан» улам, элчи салып кыргыздарды кошуун курап чыксын дегенде барып көтөрүлүш чыккан. Ал эми «Өз жортуулунда» 1217-жылы, «туматтардын баш билгиси ордого алып кеткен чырдан улам көтөрүлүш чыккан. Болокон ноёнго буйрук берген, Дулобо Сардал экөө кер-мур болушуудан улам болгон. Болокон ноён жеңилген. Бул жылдарды «Йуан тарыхы»[2] менен «Тарыхтар жыйнагындагы» жазылышын далил кылса ишенимдүү болот. Себеби 1217-жылы туматтар каршы көтөрүлүш жасаган. Ошондо кыргыздарды кол курап аларга каршы жапырык жаса дегендиктен, кыргыздар 1218жылы кайра (моңгулдарга)[3] каяша көтөрүлүш жасаган». 1217-жылы себептүү чыккан окуяны 1207-жыл болгон деп коюуга болбойт. Ал логикага да ылайык эмес.

Кытайчадан которгон Макелек ӨМҮРБАЙ

[1] «Тарыхтар жыйнагы» 1-ором, 1-китеп, 122—151-беттер.

[2] «Йуан тарыхы» 1-ором «Тайзу жыл  санагы». «Моңгул тарыхы макалалар жыйнагы» деген китептен кытай тилинен которгон – Макелек Өмүрбай.

[3] «Тарыхый эстеликтер» 110-ором, «Хуннулар санжырасы», «Хан тарыхнаамасы», 94-ором.

ДУ РУНКУН, ГО БИНЬЯҢ

КЫРГЫЗ УЛУТУНУН АТА КОНУШУ ЖАНА АЛАРДЫН БАТЫШКА КӨЧҮШҮ

Кыргыздар байыркы улуттардан болуп, тарых абдан узун тээ эртедеги 2 миң жылдан көбүрөөк убакыттын алдында эле алардын жашоо-тиричилиги кытай тарыхы менен бирге мамлекетибиздин тарыхый китептерине кошо жазылып, үзүлбөй айтылып келген. «Тарыхый эстеликтер» («Шыгжы») менен «Хан тарыхнаамасында» («Ханшу») жазылышына негизден генде, эки хан доорунда (Алдыңкы хан доору, кийинки хан доору – котормочу), кыргыздар «Гыкүн» (Гы күн) «Жыйан күн»[1] (Жиан күн) деген жазуулар менен жазылган. Алардын географиялык орду: динлиндердин батышы, усундардын чыгышы, огуздардын түндүк жагы, болжоп айтканда, азыркы Энесай дайрасынын көкүрөк жак өрөөнүндөгү райондорго тушташ келет. Ошол кезде алар хуннулардын башкаруусунда болушкан. Тарыхта жазылышынча, хан сулаласы хуннуларды багындырган кезде, динлиң, усун, огуз сыяк туулар биргелешип, хан сулаласына шайкешип түндүк жактан, батыш жактан хуннуларга чабуул койгон. Эң соңунда хуннуларды Орто Азияга сүрүп көчүрүп жиберген да, хуннулардын колунда турган ар кайсы уруулар андан бошонуп чыгышкан. Ошондо кыргыздар да алардын бийлигинен кутулушкан. Хуннулардын батышка көчүшү кыргыздардын кайрадан жайгашуусуна таасирин тийгизип, бир бөлүк кыргыздар да Орто Азия Тянь-Шань өңүрлөрүнө көчүшкөн. «Үч бектин санжырасы. Вий санжырасында» жазылышынча хуннуңдардын түндүк жагында кыргыздар («Гы күн») болгон. Ал эми канжүттардын батыш түндүгүндө да кыргыздар) («Жиан кун») болгон. Алар кыргыздардын окшобогон уруулары болушу керек.

Түндүк Вий мезгилинен Сүй мезгилине чейин кыргыздар «Ги гүш» (Ги-гүш), «Чигү» (Чи-Гү) деген жазылыштар менен айтылган. «Түндүк Жов тарыхнаамасы» жана «Түндүк тарыхы» дегендерде кыргыздар (Чи гү) Обь суусу менен Кем суусунун өрөөндөрүндө жашашат деп жазылган[2]. Мында айтылган Об суусу дегени азыркы Энесай дайрасынын айрыгы болгон Абакан дайрасын көрсөтөт, Кем суусу дегени азыркы Энесай дайрасынын көкүрөк жак агынын көрсөтөт. Тарыхый кнтептерде жазылышына караганда, ошол эле кезде мамлекетибиз Шинжаң ТяньШань тоосунун түндүк жактарында да кыргыздар болгон. «Сүй тарыхнаамасынын төөлөстөр санжырасында мындай жазылган: «Комулдун батыш, Кара шаардын түндүгү, Тянь-Шань тоо өңүрлөрүндө чечен, … огуз, кыргыздар…» болгон.

VI кылымдын орто ченинде түрктөр каруулангандан кийин, кыргыздар түрктөрдүн бийлөөсүнө түшөт. Түрктөрдүн бийлиги аябай каардуу болгондуктан «кыргыздар абдан машакаттуу күндө калат»[3] да, айланасындагы багындыда жүргөн уруу лар менен биргелешип, түрктөргө сокку берип турат!.. Түрктөрдүн күчү алсыраган кезде, Таң сулаласынын түндүктө бирдикке келтирүүсүнө көмөктөшөт.

Таң доорунда кыргыздар «Шия жас» (Шиа жас) деген жазылыш менен айтылган болуп: «Жаңы таң тарыхнаамасы» деген китепте мындай жазылган: «Алардын чөлкөмүндө бир суу бар болуп, ал Кем дайрасы деп аталат да дайра агып барып, чыгыш түндүккө куят»[4]. Кем дайрасы азыркы Энесай дайрасы болуп эсептелет. Кийинки Энесай дайра өрөөнүнөн кээ бир байыркы Энесай жазма эстеликтерин табышып, аны изилдеп-иликтеп отуруп, VI кылымдан X кылымга чейин болгон байыркы кыргыздар урунган жазуу экендигин бекитишти. Бул жерде айта турган нерсе, кыргыздардын жашаган чөлкөмдөрү, ал чөлкөмдөрдүн кытай жазма тарыхтарында жазылышы бүтүндөй төп келет. Кыргыздардын ошол кездеги (Таң доорундагы котормочу) жергесинин көлөмү Чыгыш Голигангача, Түштүгү Тибет, батыш түштүгү карлукка че йин болгон. Эли 100 миң, жоокери 80 миң болгон. Бул жерде айтылганы VII кылымдан IX кылымга чейин болгон убакытта, Энесай дайрасынын көкүрөк өрөөнүндөгү кыргыздардын каруусу абдан күчтүү болгон. Ошол кезде кыргыздар саясый жактан да чыйрак болуп, Таң сулаласы менен тыгыз байланыш түзгөн. Кыргыздар менен Таң сулаласы өз ара элчиликтерди жиберишкен да, бардыкелдиси үзүлүшпөй турган. Биздин санактын (эранын) 648-жылы (Таң тейзуң жингуандын 22-жылы) кыргыздын баш кишиси Элтебир Ишбира ажо (Элтебир Ишбира) өзү таң сулаласына келген. Анда Таң тейзуң аябай кубанып, салтанаттуу конок алып күткөн «Элтебир аракты ичип кызууланып, колуна чин таккан кармап отурган. Алардын жерине кыргыз (жыйан күн) мекемесин куруп, Элтебирди сол черүүнүн сардалыгына койгон. Ошол жердин дудусу Яндан коргоочу мекемесин караган[5]. Тарыхый китептерде жазылышынча, кыргыздар «олбурлуу болуп, эки түрдүү тиби болгон: бир бөлүгү жээрде чач, өңү сары, көзү көк, дагы бир бөлүгү кара көздүү келишкен. Уламышта айтылышынча кара көздүүлөрү хан сулаласынын сардалы Лий Лиңдин тукумдары экен[6]. Ошондуктан, 708-жылы (Таң жуңзуңдун Жыңлөң 2-жылы), кыргыздардын конок алган меймандарчылыкта Таң Жуңзуң кыргыздардын бир бөлүгү Лий Лиңдин тукумдары деген уламыштан улам, кыргыз элчили ги не «силердин эл менен биздин элдин тууганчылык байланыш жакындыгы бар, аны эч кимге теңегенге болбойт»[7] деген. Мына ушундан Таң сулаласы менен кыргыздардын жакынчылык байланышын көрүп алууга болот.

Таң сулаласы түрктөрдүн урууларын багындыруу жүрүшүндө, кыргыздар дайыма жоокер чыгарып көмөкт өшкөн. Жогоруда айтылган Элтебирди конок алуу мейманчылыгында Таң Тейдуң вазирлерине: «Үч түрктөр менен болгон салгылашуу да булардын салымы өтө зор, бүгүн Элтебир төрүбүздө конок болуп отурат, биз абдан сыйлоого акылуубуз»[8] деген. 718-жылы (Кайуандын 6-жылы), «Таң сулаласы черүү салып, чыгыш түрктөрүн багындырган кезде, кыргыз тутук мекемесинин чоро башы Күчөлө Билге хан өзү жоокер баштап чыгып, ошол согушка катышкан. Таң Шуазуң буйрук чыгарган катында кыргыз сыяктуу уруулардын согушта баатырлыгын мактап: «Жебеси курч, эч ким бет багып бара албайт» деген. 744-жылы (Тянбонун 3-жылы), уйгурлар уйгур каганатын куруп, кыргыз районун ээлейт да, Энесай дайрасынын көкүрөк районундагы райондор менен орто түздүктүн байланышы[9] убактылуу үзүлүп калган. 840-жылы (Таң Винзуң Кайчың 5-жыл), кыргыздар уйгурлардын ички ырксыз күчтөрү менен биригип, уйгур каганатын кулатып, кыргыз каганатын кураган. Уйгур ордосун талкалап, казынасын олжологон кезде элчи жиберип, Таң сулаласынан уйгур каганатына күйөөгө берилген тайкы Канышайды Таң ордуна жеткирүүгө жиберет. Бирок алып бара жаткан жолдон уйгурлардын калдык кошуунунун башчысы Ужа хан Канышайды тартып алып кеткен. Кыргыздар уйгур каганатын талка лагандан кийин, Анжы (Күжар району), Бейтик (Чыесар) катар сыяктуу чөлкөмдөрдү ээлеген. Таң сулаласы менен болгон байланышын жана достук бардыкелдисин калыбына келтирген.

Таң сулаласы кыргыздар менен болгон байланыштын кайра калыбына келишине абдан көңүл бурган. Вазирге бөтөнчө буйрук, кыргыздардын ордого тартуулаган буюмдарын сүрөткө тарттыруу жана жаздырууну тапшырган, «тапшырма аткарылган»[10]. «Хандар тарыхы жазма-чиймелери» аттуу китепке Жайсаң Лий Дийү өзү баш сөз жазып киргизген[11]. Ошондон Дажуңдун 1-жыл (847-жыл) Кулучин Ли Йачка буйруп кыргыз баатыр, ак жүрөк хан деп жаздырган»[12]. 890-жылы (Таң Жавзуң Дашундун 1-жылы) кыргызда кол чыгарып, Таң сулаласы Ли Кинин тополоңун тынчытууга көмөктөшкөн. Мындайча айт канда, сансыз тарыхы чындыктар ырастап турганы, кыргыздар менен Таң сулаласы баштан эле саясый жана аскерий иштер байланышын сактап келген. Бул түрдөгү байланыш кыргыздар менен орто түздүктөгү ар кайсы улуттардын чалчышы менен маданият алмаштыруу иштерин илгери жылдырып турган.

Таң доорунда Энесай дайрасынын көкүрөк жагында жашаган кыргыздардын коомдук чарба абалы жуңгонуң тарыхый китептеринде бир кыйла майдалай жазылып калган. Ошол кезде кыргыздардын чарбасы көчмөн малчылык болуп, мал багууну негизги кесип кылган. Кошумча аң уулоо, эгин эгүү иштерин иштеген. Кол өнөрчүлүгү менен соода иштери да өнүккөн. Төрт түлүк малдан жылкы, уй, кой, төө сыяктуу. Дыйканчылык түшүмдөрү таруу, буудай, арпа ж.б. болгон[13]. Ошол чөлкөмдө жапайы айбандардан: кулан, аркар, кулжа, бөкөн, бугу, илбирс, кашкулак, кара куйрук, карчыга, ителги, куш, ылаачын сыяктуулар болгон2. «Балыгы көп болуп, узундугу эки кезден узун болот, кылтырык, кылканы жок келет да, оозу бакалоорунда болот3. Малчылар жылкыны жакшы көрүшөт. Аң уулоого чыкканда чаңгы (лыжа) менен барышат да, муз-кардын үстүндө чаңгы учкандай сызып кетет[14]. Ал чөлкөмдө алтын, темир, калай эритилген. Темирди «жаса» деп, атайын жоокерлик жарак жасап алышат. Демейде жасагандары канжар (тинге), жаа-жебе, калкан сыяктуулар болот[15]. Үй-бүлө кол өнөрчүлүгү жагынан да бир кыйла өнүккөн. Дыйканчылык, малчылык түшүмдөрүн жасай билишет. Алып айтсак: тери, жүндөн кийим, калпак сыяктуу буюм дарды жасашат; буудай, арпадан ун тарткан; таруудан бозо ачыткан[16]. Кыргыздар дайыма таң сулаласы жана анын карамагындагы тибет, карлуктар, андан ары арабдар менен соода жасашат[17]. Кыргыздар жылкыларын жана асыл жапайы айбандардын тери-жүндөрүн Таң сулаласына тартуулап, аларга жибек-торгун алмаштырып турган. Таң сулаласынын ичкери жерлеринен иштелген ал жибек-торгундарын да дайыма кыргыз райондоруна алып келип сатып турушкан.

Саясый түзүм жагынан, «Жаңы таң тарыхнаамасында» жазылышына караганда, кыргыздар ошол кезде эле феодал таптык коомго кирген болуп, толук бийлик органдары жана катаал эреже-жосундары болгон. Кыргыздардын эң чоң башчысы «Ары» деп аталган. «Арынын» кол астында Жайсаң, Тутук (дуду, мансаптар, кеменгер, жаң-жуң (сардал), даркан – алты даража болгон. Анда Жайсаң жети, тутугу үч, мансаптары он, коргоочу жоокерлери болгон; кеменгери 15 болуп, Жаңжүң, дарканы коюлбаган[18]. Бул мансаптардын бөлүнүшү, кээ бирөөлөрү көрү нөө эле Таң сулаласынан киргендиги байкалат. Сыр – тардуштар түрктөрдү багындырган жана кыргыздарга бийлик жүргүзгөн кезде, аларга жиберген Элтебир эң жогорку бийлөөчү болгон. Анын кол астында Кушбек, Жусобу бек, Амин бек, өкүмөт агасы болгон. Кийин Уйгур каганаты бийлик жүргүзгөн кезде, уйгур ханы Арны «Билге тутку» мансабын берген. Ары кол астына караган ар кайсы уруулардан жоокер алуу, алык-салык тапшыртуу укугу болгон3. Катаал эреже жосун түзүп, чыккынчылык кылып качкандарды, милдетин аткарбагандарды, мамлекетке тил тийгизгендерди жана уурулук кылгандар сыяктууларды бүт өлүмгө өкүм кылган; андан бөлөк, «Буял», «Эркин» деген сотчулук мансаптар дагы болгон[19]. Мына булар бийлик жүргүзгөн таптын таламын коргоо үчүн, жекелердин мал-дүйнөсүн коргоочу, кыргыздарда күчтүү болгон мамлекет органдары болгонун түшүндүрүп турат.

Кыргыздардын таптык жиктелиши жана кембагал, байлардын айырмасы ошол кезде өтө айкын болуп турган. Байларында сансыз мал болгон. Көп болгондору нечелеген миң туюктан мал урунган[20]. Ал тургай уй, жылкы сыяктуу бодолорду калыңга бере турган той салты болгон. Анда калыңга берилген мал саны жүздөп, миңдеп эсептелген[21]. Байыркы Энесай жазма эстеликтеринде дүнүйө-мүлктү «ийап», бардар бүлөнү «чыңышың», байлык ээсин «жай» деген сыяктуу дүнүйө-мүлктү туюнтууга байланыштуу сөздөр болгон. Туюнган байлар кул ээлешип, аны «кул» деп аташкан. Ургаачыларын «күң» деп аташкан[22]. Кулдар көбүнчө уруштагы туткундар болгон. Дагы бир түрдүү ургаачы кулдар болуп, аларды «кыркын» деп аташкан. Ал сөздүн мааниси согуш туткуну деген маанини берген.

Кыргыздардын кийим кийиши, анын оокаты, турак үйлөрү сыяктуу турмуштук салт-санаалары да мамлекетибиздин тарыхый китептеринде жазылып калган. Арийне кембагал, байлары, мырзалары менен карапайымдарынын айырмасы да туюн тулган. Кыргыздар жөнчүлүктө ак боз үйлөрдө жашашкан. Кыштын күндөрү бир түрдүү жыгач, терилер менен жабылган ожуларда кышташкан[23]. Ары көк тоо этегинде турат. Айланасы корук менен тосулган. Кийиздерден үзүк-туурдук жасалган өргөөдө жашайт. Анын аты «мыджы» деп аталат. Баш киши лери кичик өргөөлөрдө жашашат[24]. Эт жана кымыз негизги аш-оокаты болуп эсептелет. Ары гана көмөч нан жейт[25]. Кийимдин асылдарын ары менен байлары кийишет. «Кийимдин эң асылы: кундуз терисинен жасалган кийимдер эсептелген. Кыштын күнү кундуз тебетей, жаздын күнү алтын чок шөкүлө киет, шөкүлө учмакай келет. Андан төмөнкүлөр ак калпак кийишип, кисе асынып жүрүшөт», ургаачылардын кийими жүн торгундар, бөз, жибек булдар болуп, аншы, бейтиң, арап сыяктуу жерлерден сатып келинет. «Карапайым калк тери кийимдерди киет»[26]. Тарыхта жазылышынча, кыргыздардын эркектерине караганда аялдары көп болгон. Аялдары кулак сөйкө салынышкан, жо сундуу болушкан, эрлери тууштуу болуп, алар колдоруна сайма чегип алышат. Кыздары күйөөгө тийгенде чачбоо асынат»2.

«Өлүм узатууда өлгөн адамдын бетин тилбейт, өлүктү үч тегеренип ыйлашат да, өлүктү өрттөп, анын күлүн чогултуп алып, бир жыл убагы болгондо анан жерге көмөт. Жыл болгондо аш берип, азасын күтүп ыйлашат»3.

Кыргыздар маданият жагынан жазуусу бар, сөздүк кору (казынасы) мол, бедер оймочулук өнөрү казып алынган эстелик таштарга караганда бир кыйла деңгээлде өнүккөнүн көрүүгө болот. Музыкалык аспаптарынан доолб ас, чоор, чыңыроон, жылаажын сыяктуулар болгон4. Чоң майрамдар болгондо буура жөөлөштүрүү, жолборс жылоолоо, ат маш, аркан тартуу сыяктууларды ойношот5. Астрономиялык жыл эсептөө календары болуп, аны кыргыздар орто түздүктүн жыл атоосунан пайдаланып, 12 айдын аты менен атаган. Мисалы, жолборс жыл, ит жыл деген сыяктуу аттар менен аталган; айды алар «ай» деп айткан.

Үч ай «бир мезгил» дешкен[27]. Ошол кезде кыргыздар дыйканчылык эгиндерин 3 айда эгип, 9 айда кырман алуун у ыйгарып алышкан[28]. Мындан караганда, алар ошол кезде календарлык эсепте төтө өндүрүш иштерин нштете билгенин түшүндүрүп турат. Тааным-ишеним жагында, кыргыздар табияттын ээлерине табынган. Негизгиси суунун ээси жана чөп кыялардын ээлерине сыйынышкан. Түлөө өткөрүп тооп кылуусунун турактуу бекиткен маалы болбогон. Бакшысын «кам» деп аташкан[29].

Таң доорунда кыргыздар арийне таптык коомго киргени менен бирок дагы эле баштапкы коомдун саркындылары сакталып кала берген. Алып айтканда, кээ бирөөлөр той жасаганда калың бербей алган. Кээ бир жерлерде бир урук адамдар же миң, жүз адам бир үйдө ар бири бирден жууркан төшөнүп чогуу жаткан сыяктуу уруулук турмуштун саркындылары болгон[30].

X кылымдан XII кылымга чейин болгон Ляв, Суң мезгилинде кыргыздар «Шиажас» (Шиажас) деген жазылыш боюнча аталган. «Лиав тарыхы» деген китепте жазылышынча, Лиав сулаласы Энесай дайрасынын көкүрөк жагындагы райондорго «кыргыз каганат мекемеси» курган да, ал түпкү ордого караган. «Суң тарыхы» деген китепте жазылышынча, ошол кезде кожо уйгурларынын бийлигине караштуу болгон уруулардын ичинде кыргыздар болгон2. Алардын жайгашкан жерлери Тянь-Шандын түндүк жагындагы Ысык-Көлгө тушташ келген Үчтурпан, Ак-Суу чөлкөмдөрү болгон. Бул IX кылымдагы кыргыздар ээлеген Анжы (Кучар району), Бейтиң (Чымсар району) сыяк туу жерлер менен түпкү байланыш болгон. X кылымдагы парс жазуусу менен жазылган географиялык чыгарма болгон «Дүнүйө чектери санжырасы» деген китепке караганда, Карлук районунда «Миң жол» аттуу жер болгон (азыркы Үчтурпан ооданында) болуп, өз кезинде кыргыздар бийлик жүргүзгөн. Ошол китептин дагы бир жеринде айтылышынча, булар өз кезинде Үчтурпан менен Кашкардын түндүк жагында кыргыздар болгон.

«Дүнүйө чектеринин санжырасы» (худу-дул аалам) дегендин маалыматында, кыргыз чөлкөмүндө түрдүү токойдарактар өсүп, жапайы айбандардан кара булгун, тулум чычкан, бөкөн, көдөө чычкан бар. Түшүмдөрдөн жыпар, тери, жүн, деңиз пил тиш жыгач, мал-мүлкү жылкы, төө, тери, жүн, ак боз үй сыяктуулар болот делген. Дагы бир X кылымдын алдыңкы жарым кылымынын саякатчысы Мысардын баянында, кыргыздар «буудай, күрүч жана төөнүн дагы башка бодо малдын этин, койдун, эчкинин эти сыяктууларды жешет… Алардын мамлекетинде жапайы айбандар өтө көп, аларда түндөсү жарай турган таштары (оттук таш) болот… Ошол жерден бөлөк жерде «бул түрдөгү таш жок»[31]. Жогоркулардан кыргыздардын ошол кездеги чарбалык турмушу кадыресе эле малчылыкты негиз эткенин билүүгө болот. Мысардагы мындай деген кыргыздардын бөтөнчө салттары, жосундары, таанымы, жазуусу жана тоопканасы болот. Алар чырак, отторун өчүрүшпөйт да, өзү күйүп түгөнүп өчүүсүнө таштайт. Алардын уйкаштуу ыры болот. Жыты буркураган нерсени маңдайына коюп алышып, дуба окуйт. Алар көккө ишенишет, түштүккө карап дуба кылат. Тянь-Шандын зухалы (?) жана Чолпон жылдыз менен Юпитер жылдызды урматташат. Сары жылдызды жамандыктын жышааны деп билишет[32].

Биздин санактын 1124-жыл (Бавданын 4-жыл) Лияв сулаласы ойрондолот, анын сардалы Йелүй Даси батышка качып, Энесай дайрасынын көкүрөк жагындагы кыргыз райондоруна тийип, талоон-каракчылык кылат. Ага кыргыздар каршылык көрсөтүп, чебинен кууп чыгат. 1128-жылы Йелүй Даш Орто Азиядагы эки дайранын алабына батыш Лияв хандыгын курагандан кийин кол жиберип, кыргыздарга чабуул жасап, өткөн өчүн алат. Ошол мезгилде дагы бир түркүм кыргыздар Тянь-Шань районуна көчүрүлөт.

Йуан доорунда кыргыздар Жуңгонун (кытайдын) тарыхый китептеринде «кыржыс», же «жылчыс» деген жазуу менен айтылган. «Йуан тарыхында» мындай жазылган: кыргыз эң алгачында кытай жеринен 40 кыз ус же орусту элинин жигиттерине той жасап төрөлгөн. Ошого алардын улут аты менен жеринин аты да ошол маани боюнча аталып калган. Түштүктө чоң ордого түмөн чакырым келет… Йуан сулаласына караган эки 9 миң түтүн чек арасынын узундугу 1400 чакырым келет. Көлөмүнүн жарымынан көп жеринен Кем дайрасы агып, батыш түндүккө куят. Батыш түштүгүндө дагы бир суу болуп, Обь суусу деп аталат. Анын агыны аябай улуу болуп, Кем дайрасына кошулат да, андан ары Анкара дайрасы менен Түндүк деңизге куят»[33]. Бул жерде жазылган үзүндүдөгү кыргыздардын теги жөнүндөгү «Кырк кыз» уламышы бүгүнгө чейин эл ичине кенен таралган[34] кытай жеринен келген кызгыздар менен орустун элинин жигиттери той жасоонун чын-төгүнү жөнүндө бул жазылып калган баян ишенимдүү болуп кетиши эки тайын. Бирок бул жазылып калган баяндан кыргыздар өнүп-өсүү жүрүшүндө башка улуттар менен кан кошулуусу болгонун көрүп алууга болот. Ошондой эле ошол кезде кыргыздардын жашоо борбору арийне Кем дайра өрөөнү, атап айтканда, азыркы Энесай алабы экени, конкреттүү орду Обь суусу менен Обь суусунун ортосунда[35] экенин далилдеп турат. Оп суусу деген азыркы Абакан дайрасы, Үп суусу деген азыркы улуу Кем дайрасы болгон. Жайгашуу көлөмү түндүк жагы Энесай дайрасы менен Анкара дайрасынын кошулушкан жери, түштүк жагы Таңну Ураңкай районуна чейин болгон. Йуан сулаласы Энесай өрөөнүнө түмөн түтүн мекемесин курган[36]. 1270-жылы дагы, кыргыздар сыяктуу беш уруу иш аткаруу ордун курган[37]. Ал Жылан-Жөө аймагын башкарган. Ал аймак азыркы Таңну Ураңкай районундагы Вийгилис дайрасынын төмөнкү агымынын алабындагы Түн-Терек байыркы шаары болгон. Беш уруунун экономикалык борбору болгон Кем аймагы ошол райондо болгон. Ал азыркы улуу Кем дайрасынын түштүгүндөгү Оймок деген жердеги Йуан доорундагы байыркы шаар болгон. «Иуан тарыхында» дагы мындай жазылган, 1293жылы (Жыйуандын 30-жылы), Йуан сулаласы бир бөлүк кыргыздарды азыркы чыгыш түндүгүндөгү Суңгуа жак дайра өндүрүндөгү Жан-Жавжу шаарына (азыркы чыгыш түндүгүндөгү Жавйуаи району) көчүргөн[38]. 1295-жыл (Йуанжандын 1-жылы), Йуан сулаласы дагы Жысандагы (азыркы Бейжин Йаңчың ооданы) кыргыздарды Сандуңга көчүргөн. Арийне аларга эгинчилик жер жана унаа берип, дыйканчылык өндүрүшүнө салган[39].

Моңгулдардын Йуан доору кезинде, Энесай кыргыздарынын чарбалык абалы кытай тарых китептеринде да бир кыйла жазылып калган. Ошол кезде алар ак боз үйл өрдө отурушат, чөп-суу жайытына карай мал багышат, эгинчиликти билишет, кар үстүндө чаңгы тээп, аң уулашат, жеринен атактуу жылкылар чыгат, ак, кара булгуну болот[40]. Жогоркулардан Йуан доорунда кыргыз району көчмөн мал чарбачылыкты негиз эткенин билүүгө болот.

Энесай дайрасынын көкүрөк жак алабында Кем аймагы, Жылан-Жөө аймагын өз ичине алган кыргыз жана ойрот шыктуу уруулардын району, орду жагынан жол тогоону ошол жерде болгондуктан, аскерий иштер, саясый иштер жагынан өтө зарыл болгон Йуан сулаласы Батыш түндүктөгү хандардан коргонуу базасы кылып алган. Ошондуктан, Йуан сулаласы бул райондордун өнүгүшүнө өтө көңүл бурган. Чарбалык жагынан түрдүү чараларды колдонуп, Энесай дайрасынын көкүрөк жагындагы райондордун аркада калуу кейпин өзгөрткөн. Ошол жердеги улуттардын аштык оокаты менен турмуш буюмдарынын ажатынан чыгаруу үчүн, Йуан сулаласы орто түздүк райондор менен батыш райондон дыйкандарды, кол өнөрчү жумушчуларды Кем аймагы сыяктуу жерлерге көчүрүп келип, карапа идиш куюу, темир эритүү, кай ык жана балык кармоо шаймандарын жасоо сыяктуу иштерди иштеген. Кадыресе устачылык дүкөнү курулуп, өндүрүшкө уюштурган. Кол өнөр чүлүктү өнүктүрүү, ошол жердин турмушу менен өндүрүшүнүн ажатынан чыккан. Эртеде Чыңгысхан батышка жортуул жасаган кезде эле, жогоруда айтылган жумуштар иштеле баштаган. Чаңжун ак жасоолу жазган «Батышка сапар эстелиги» дегенде мындай жазылган: «Кем-Кем аймагынан асыл темир чыгат, көк чычканы көп, буудайды кызылдап чечтейт. Кытайлардын миңдеген усталары ал жерде турат, торкун кездемелерди токушат»[41]. «Уйан тарыхында» мындай жазылган: «Кем аймагында көптөгөн усталар дүкөнү бар. Ал мамлекетке алгачында усталар кытайлардан келген»[42]. 1269-жылы (Жыйуан 6-жыл), Йуан сулаласы «Кем аймагындагы кембагал кол өнөрчүлөргө 5 миң 599 пуд аштык таратып куткарган. 1286-жылы (Жыйуан 23-жыл) Кем аймагындагы кол өнөрчүлөргө 56 миң 139 батман 12 сээр акча тараткан3.

Мына булар ошол кезде Энесай дайрасынын көкүрөк жагындагы Алапта кол өнөрчүлүк менен иштеген жумушчулардын саны өтө көп экенин ырастап турат. Дыйканчылык өндүрүшүн өнүктүрүү жагында Йуан сулаласы да көптөгөн чараларды колдонгон. Чыңгысхан Чагай уйгурду кыргыз районуна жиберип, ошол жердеги улуттун дыйканчылыгын өнүктүрүүгө жардам берген. Кампаларды салган[43]. Иуан сулаласы Кем аймагы сыяктуу жерлердин «топурагы күр, эгинчиликке эптүү, жай эгин; күз бышырып алууга боло турган семирткич куюуну талап кылбай турган» пайдалуу табигый шартынан пайдаланып, зор көлөмдө жоокерлерди жана элди жер эгүүгө чабыт берген. Унаа шаймандарды, кийимдерди бүт Йуан сулаласы таратып берген[44].

Лийу Хавлий барып милдетке коюлган соң, Энесай дайрасынын көкүрөк жак алабына шайдооттук менен «кампа», «аштык» сактагыч «туз, кен ачуу, түштүктөн (түштүк суң кутайларын) адам алып келдирип, жер сугаруу иштерин иштеген[45]. 1291-жыл (жыйуандын 28-жыл). Йуан сулаласы ойроттон кыргызга чейин болгон жолду ачууну чечим кылган. «Өкүмдардын буйругунда кыргыздардан ойротко чейин алты жерге жасакчы орун курууну бекиткен. Анын ичинде кыргыз, тыргоот, каңканас, ойрот төрт орунга төрт жасакчы, Ужуланга эки жасак ордун курган, ар кайсы жасак орунга отуздан ат, он төрттөн бээ, элүүдөн кой жана ошонун эле баасына сындырылган акча боюнча өкүмдардын буйругу мекеменин каты аркылуу түшүп, жасакчылар кошууну аткарган». Ойрот, кыргыздарга жасак жолунун ачылышы Иуан сулаласынын моңгул менен Сибирияга чейин, андан ары Түндүк муз океанга чейин болгон зарыл жолду өтүштүргөн жана жасак ордуларын толуктаган. Бул Энесай дайрасынын көкүрөк алабындагы райондордун өнөр жай, дыйканчылык өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана улуттар арасындагы экономикалык, маданияттык алмашуулар да өтө зарыл маңызга ээ болгон.

Йуан сулаласынын колдонгон чаралары менен жеткиликтүү дыйканчылык, кол өнөрчүлүк өндүрүш техникалары Энесай өрөөнүнө киргенден кийин, берекеттүү түрдө ошол жердин айыл чарбачылык, кол өнөрчүлүк өндүрүшүн илгери жылдырып, кыргыздардын жылуу кабылдоосуна ээ болгон. «Йуан тарыхында» мындай жазылган: Мурда «эли карападан идиш жасоону билбеген, сууларында кай ык жок экен, Лийу Хавли усталарды чакыртып келип, алардын элине үйрөттүргөн, эмдигиге чейин ушуну колдонуп келишет, карапа жасоо менен кайык жасоону үйрөнгөндөн кийин, жергиликтүү элге эптүү болгон» өндүргүч күчтөрдүн өнүгүүсү ар кайсы улуттардын барды-келди каттоосун жана достук көмөктөштүгүн илгери тарткан, кыргыздар жана кээ бир «токойлук элдер» дыйканчылык менен кол өнөрчүлүк өндүрүшүн дагы бир демитип алга карай өздөштүрүп, заттык турмушунун мазмунун байыткан, ошону менен бирге кытай, уйгур сыяктуу көчүп келген элдер жергиликтүү элдин бөтөнчө өндүрүш техникаларын үйрөнүп, аңчылык, малчылык өндүрүш билимдерин көбөйткөн да, ар кайсысы өздөрүнүн турмуш жана өндүрүш ажатын кандырышкан. Ар улут эли узаккы мезгил табыят менен күрөш жасоо аркылуу, мамлекеттин түндүк жергесин орток ачкан.

Миң доорунда кыргыздар «кыржыс» деген жазылышта айтылып келген да, ойроттордун кол астына караган. Ойроттор бир бөлүк кыргыздарды Чүй, Талас дайра алаптарына сүрүп салган, Тянь-Шандын түндүгүндөгү кыргыздар менен көп жолу кандуу салгылашкан. Кээ бир окумуштуулардын баамында, кыргыз элинин ичине кеңири таралган атактуу «Манас» эпосунда, негизинен, мына ушул доордогу (Миң доору) кыргыздар менен калмактардын (ойроттордун) согушкан тарыхый чындыгы чагылдырылган болуп да, андагы «Чоң казатта» кыргыздар Эсенкан жагынан Алтайдан Чүй дайрасы, Талас дайра алаптарына айдалгандык абалы сүрөттөлгөн деп карайт.

XVI кылымда Чыгыш Моңгул ойротторго күчтүү чабуул жасайт да, ойротторду батышка сүрүп салат. Бир бөлүк кыргыздар да батыш түштүккө оойт да, Тянь-Шандын түштүк-түндүгү болгон Ысык-Көл жана Аксуу, Үчтурпан, Кашкар жакка көчүшөт.

Чиң сулаласы кезинде, кыргыздар тарыхый китептерде «бурут» деген айтылыш менен аталган. Бир мезгилде карка моңгулдардын жасак Токондун колуна караган. Кийин жуңгардын карамагына өткөн. Бул мезгилде, кыргыздар кысымдардан бери конуштанып жана жашап келген ата конуштарынан айдап чыгарылган эле. Анын мындай болушунун түпкү себеби, алардын түндүк жагындагы падышачыл Россиянын оторчулугунун кеңейишинен улам болгон болчу.

XVI кылымдан XVIII кылымдын ортосуна чейин, Россиянын кулдануу түзүмү ичте элди бастыруу, сыртка карата кеңейүү аскердик феодал ээлемендик жагына өөрчүп жетип, мамлекетибизге көрүнөө оторчулдук саясатын алып барды. Эртеде эле XVI кылымдын соңунда, Россия биринчи урпак падыша «Ифан-4» мамлекетибиздин батыш түндүгүндөгү ойрот моңгулдары менен кыргыз ра йондорун зор көлөмдө жалмоосун кеңейте баштаган. 1581-жылы падышалык Россия Улар тоосунан өтүп, батышка карай Сибирь каганатына жапырык жасап, 1594-жылы Россиянын оторчул колу Күчү ханды өлтүрүп, анын бүт жергесин басып калат да, Чомун жана Талаа сыяктуу жерлерге оторчул конуш курат. Андан ары Сибирь каганатына тушташ жаткан ойрот моңгул улутунун райондору менен кыргыз райондоруна кол сунат. Ошол кезде кыргыз улутунун негизи арийне Энесай дайрасынын көкүрөк алабы менен Обь дайра – өрөөнүндө болуп, Томтула (Томск) Инеше-бошиң (Енисейск), Кызыл-Жар (азыркы Красноярск) жана Таңну Ураңгай райондорун өз ичине алган жерлерде жашашкан болчу. 1619-жылы падышалык Россия чыгышты көздөй куралдуу оторчулук алып барып, Энесай дайрасынын орто алабындагы кыргыз районуна кирет да, Енисейскини курат. XVII кылымдын баштарында, жогоруда айтылган жерлердеги кыргыздар карка монгулдардын жасак Токондун кол астындагы уруусу Шаңмову баш коңтайжынын төтө башка руусунда болгон. …Алар алды-кийин болуп 1604– 1618-жылдары, 1628-жылы болуп кыргыздар районуна Томск, Косиноск жана Красноярск оторчул конуштарын курган…

Кытайчадан которгон Макелек ӨМҮРБАЙ

[1] «Түндүк Жов тарыхнаамасы», 50-ором, «Түрктөр санжырасы», 99-ором, «Түрктөр тарыхы».

[2] «Түндүк тарыхы» 99-ором, «Түрктөр санжырасы».

[3] «Жаңы таң тарыхнаамасы».

[4] Ошондо.

[5] «Жаңы таң тарыхнаамасы».

[6] Ошондо.

[7] «Мекеме билги», 986-ором.

[8] «Жаңы тарыхнаама», 217-ором.

[9] Лий Дийү  «Хуйчаң чыгармалар жыйнагы».

[10] 1-эскертүү менен окшош.

[11] «Жаңы таң тарыхнаамасы» 217-ором. «Кыргыздар санжырасы».

[12] Ушул эле көрсөтүлгөн жылнаамада.

[13]  Ушул эле жерде. 2  Ушул эле жерде. 3  Ушул эле жерде.

[14]  Ушул эле тарыхнаамада.

[15] «Жаңы  таң  тарыхнаамасы» 17-ором. «Кыргыздар санжырасы».

[16]  Көрсөтүлгөн тарыхнаамада.

[17] «Жаңы таң тарыхнаамасы» 217-ором. «Кыргыздар санжырасы».

[18] Ушул эле көрсөтүлгөн тарыхнаамада. 3 Ушул эле көрсөтүлгөн тарыхнаамада.

[19] Батыянов: «Байыркы түркий жазуусу Энесай эстеликтеринин тил жөнүндөгүсү».

[20]  Ушул эле эмгекте.

[21]  Ушул эле эмгекте.

[22]  Ушул эле эмгекте.

[23]  Ушул эле эмгекте.

[24]  «Энесай» эстеликтеринин тил жөнүндөгүсүн» караңыз.

[25] Ушул эле эмгекте.

[26] Ушул эле эмгекте. 2 Ушул эле эмгекте. 3 Ушул эле эмгекте. 4 Ушул эле эмгекте. 5 Ушул эле эмгекте.

[27] «Жаңы тарыхнаама»  217-ором. «Кыргыздар санжырасы».

[28] «Жалпы Жусуп Кыргыздар», «Тынчтык аалам эстеликтери, кыргыздар».

[29] «Суң тарыхы» 490-ором. «Идикун санжырасы».

[30] Махмут Кашкарий. «Түрдүү тилдер сөздүгү», 1960-жыл, Ташкент басмасы. 2 Ошондо.

[31] «Йуан тарыхы» 63-ором «Жуграпия тезкиреси».

[32] «Кыргыз» сөзү түрк тилинде «кырк» сан, «кыз» деген эки сөздөн куралганы тек таралган. Бирок «Кырк   кыз уламышы» Йуан тарыхында айтылганга окшобойт.

[33]  «Йуан тарыхы» 63-ором, «Жуграпия тезкиреси».

[34]  «Йуан тарыхы» 93-ором, «Бапале санжырасы».

[35] «Йуан тарыхы» 63-ором, «Жуграпия тезкиреси».

[36]  «Йуан тарыхы» 18-ором, «Чыңыз зуң бий жыл санагы» 169-ором «Лийу Хала бадулу сан жырасы».

[37]  «Йуан тарыхы» 8-ором, «Чың Зуңбин жыл  санагы».

[38]  «Йуан тарыхы» 63-ором «Жуграпия  тезкиреси».

[39]  «Чаңчун ак жасоол» «Батышка сапар эстелиги» 100-бет.

[40]  «Йуан тарыхы» 63-ором, «География санжырасы».

[41] «Йуан тарыхы» 14-ором, «Ш. Зубин жыл санагы».

[42] Советтик Кыргызстан Республикасы илимдер академиясынын тарых  изилдөө  орду. «Кыргыз тарыхы» 150-бет (1956-жыл, Фрунзе). 3 «Йуан тарыхы», 11-ором, «Ш. Зубин жыл санагы», 11–12-оромдор.

[43] «Йуан тарыхы» 7-ором, «Ш. Зубин жыл санагы».

[44] «Йуан тарыхы» 6-ором.

[45] «Йуан тарыхы» 63-ором, «География санжырасы». «Йуан тарыхы» 167-ором, «Лиухавли санжырасы».

ДУ РУНКУН, ГО БИНЬЯҢ

КЫРГЫЗ УЛУТУНУН АТА КОНУШУ ЖАНА АЛАРДЫН БАТЫШКА КӨЧҮШҮ

Кыргыздар байыркы улуттардан болуп, тарых абдан узун тээ эртедеги 2 миң жылдан көбүрөөк убакыттын алдында эле алардын жашоо-тиричилиги кытай тарыхы менен бирге мамлекетибиздин тарыхый китептерине кошо жазылып, үзүлбөй айтылып келген. «Тарыхый эстеликтер» («Шыгжы») менен «Хан тарыхнаамасында» («Ханшу») жазылышына негизден генде, эки хан доорунда (Алдыңкы хан доору, кийинки хан доору – котормочу), кыргыздар «Гыкүн» (Гы күн) «Жыйан күн»[1] (Жиан күн) деген жазуулар менен жазылган. Алардын географиялык орду: динлиндердин батышы, усундардын чыгышы, огуздардын түндүк жагы, болжоп айтканда, азыркы Энесай дайрасынын көкүрөк жак өрөөнүндөгү райондорго тушташ келет. Ошол кезде алар хуннулардын башкаруусунда болушкан. Тарыхта жазылышынча, хан сулаласы хуннуларды багындырган кезде, динлиң, усун, огуз сыяк туулар биргелешип, хан сулаласына шайкешип түндүк жактан, батыш жактан хуннуларга чабуул койгон. Эң соңунда хуннуларды Орто Азияга сүрүп көчүрүп жиберген да, хуннулардын колунда турган ар кайсы уруулар андан бошонуп чыгышкан. Ошондо кыргыздар да алардын бийлигинен кутулушкан. Хуннулардын батышка көчүшү кыргыздардын кайрадан жайгашуусуна таасирин тийгизип, бир бөлүк кыргыздар да Орто Азия Тянь-Шань өңүрлөрүнө көчүшкөн. «Үч бектин санжырасы. Вий санжырасында» жазылышынча хуннуңдардын түндүк жагында кыргыздар («Гы күн») болгон. Ал эми канжүттардын батыш түндүгүндө да кыргыздар) («Жиан кун») болгон. Алар кыргыздардын окшобогон уруулары болушу керек.

Түндүк Вий мезгилинен Сүй мезгилине чейин кыргыздар «Ги гүш» (Ги-гүш), «Чигү» (Чи-Гү) деген жазылыштар менен айтылган. «Түндүк Жов тарыхнаамасы» жана «Түндүк тарыхы» дегендерде кыргыздар (Чи гү) Обь суусу менен Кем суусунун өрөөндөрүндө жашашат деп жазылган[2]. Мында айтылган Об суусу дегени азыркы Энесай дайрасынын айрыгы болгон Абакан дайрасын көрсөтөт, Кем суусу дегени азыркы Энесай дайрасынын көкүрөк жак агынын көрсөтөт. Тарыхый кнтептерде жазылышына караганда, ошол эле кезде мамлекетибиз Шинжаң ТяньШань тоосунун түндүк жактарында да кыргыздар болгон. «Сүй тарыхнаамасынын төөлөстөр санжырасында мындай жазылган: «Комулдун батыш, Кара шаардын түндүгү, Тянь-Шань тоо өңүрлөрүндө чечен, … огуз, кыргыздар…» болгон.

VI кылымдын орто ченинде түрктөр каруулангандан кийин, кыргыздар түрктөрдүн бийлөөсүнө түшөт. Түрктөрдүн бийлиги аябай каардуу болгондуктан «кыргыздар абдан машакаттуу күндө калат»[3] да, айланасындагы багындыда жүргөн уруу лар менен биргелешип, түрктөргө сокку берип турат!.. Түрктөрдүн күчү алсыраган кезде, Таң сулаласынын түндүктө бирдикке келтирүүсүнө көмөктөшөт.

Таң доорунда кыргыздар «Шия жас» (Шиа жас) деген жазылыш менен айтылган болуп: «Жаңы таң тарыхнаамасы» деген китепте мындай жазылган: «Алардын чөлкөмүндө бир суу бар болуп, ал Кем дайрасы деп аталат да дайра агып барып, чыгыш түндүккө куят»[4]. Кем дайрасы азыркы Энесай дайрасы болуп эсептелет. Кийинки Энесай дайра өрөөнүнөн кээ бир байыркы Энесай жазма эстеликтерин табышып, аны изилдеп-иликтеп отуруп, VI кылымдан X кылымга чейин болгон байыркы кыргыздар урунган жазуу экендигин бекитишти. Бул жерде айта турган нерсе, кыргыздардын жашаган чөлкөмдөрү, ал чөлкөмдөрдүн кытай жазма тарыхтарында жазылышы бүтүндөй төп келет. Кыргыздардын ошол кездеги (Таң доорундагы котормочу) жергесинин көлөмү Чыгыш Голигангача, Түштүгү Тибет, батыш түштүгү карлукка че йин болгон. Эли 100 миң, жоокери 80 миң болгон. Бул жерде айтылганы VII кылымдан IX кылымга чейин болгон убакытта, Энесай дайрасынын көкүрөк өрөөнүндөгү кыргыздардын каруусу абдан күчтүү болгон. Ошол кезде кыргыздар саясый жактан да чыйрак болуп, Таң сулаласы менен тыгыз байланыш түзгөн. Кыргыздар менен Таң сулаласы өз ара элчиликтерди жиберишкен да, бардыкелдиси үзүлүшпөй турган. Биздин санактын (эранын) 648-жылы (Таң тейзуң жингуандын 22-жылы) кыргыздын баш кишиси Элтебир Ишбира ажо (Элтебир Ишбира) өзү таң сулаласына келген. Анда Таң тейзуң аябай кубанып, салтанаттуу конок алып күткөн «Элтебир аракты ичип кызууланып, колуна чин таккан кармап отурган. Алардын жерине кыргыз (жыйан күн) мекемесин куруп, Элтебирди сол черүүнүн сардалыгына койгон. Ошол жердин дудусу Яндан коргоочу мекемесин караган[5]. Тарыхый китептерде жазылышынча, кыргыздар «олбурлуу болуп, эки түрдүү тиби болгон: бир бөлүгү жээрде чач, өңү сары, көзү көк, дагы бир бөлүгү кара көздүү келишкен. Уламышта айтылышынча кара көздүүлөрү хан сулаласынын сардалы Лий Лиңдин тукумдары экен[6]. Ошондуктан, 708-жылы (Таң жуңзуңдун Жыңлөң 2-жылы), кыргыздардын конок алган меймандарчылыкта Таң Жуңзуң кыргыздардын бир бөлүгү Лий Лиңдин тукумдары деген уламыштан улам, кыргыз элчили ги не «силердин эл менен биздин элдин тууганчылык байланыш жакындыгы бар, аны эч кимге теңегенге болбойт»[7] деген. Мына ушундан Таң сулаласы менен кыргыздардын жакынчылык байланышын көрүп алууга болот.

Таң сулаласы түрктөрдүн урууларын багындыруу жүрүшүндө, кыргыздар дайыма жоокер чыгарып көмөкт өшкөн. Жогоруда айтылган Элтебирди конок алуу мейманчылыгында Таң Тейдуң вазирлерине: «Үч түрктөр менен болгон салгылашуу да булардын салымы өтө зор, бүгүн Элтебир төрүбүздө конок болуп отурат, биз абдан сыйлоого акылуубуз»[8] деген. 718-жылы (Кайуандын 6-жылы), «Таң сулаласы черүү салып, чыгыш түрктөрүн багындырган кезде, кыргыз тутук мекемесинин чоро башы Күчөлө Билге хан өзү жоокер баштап чыгып, ошол согушка катышкан. Таң Шуазуң буйрук чыгарган катында кыргыз сыяктуу уруулардын согушта баатырлыгын мактап: «Жебеси курч, эч ким бет багып бара албайт» деген. 744-жылы (Тянбонун 3-жылы), уйгурлар уйгур каганатын куруп, кыргыз районун ээлейт да, Энесай дайрасынын көкүрөк районундагы райондор менен орто түздүктүн байланышы[9] убактылуу үзүлүп калган. 840-жылы (Таң Винзуң Кайчың 5-жыл), кыргыздар уйгурлардын ички ырксыз күчтөрү менен биригип, уйгур каганатын кулатып, кыргыз каганатын кураган. Уйгур ордосун талкалап, казынасын олжологон кезде элчи жиберип, Таң сулаласынан уйгур каганатына күйөөгө берилген тайкы Канышайды Таң ордуна жеткирүүгө жиберет. Бирок алып бара жаткан жолдон уйгурлардын калдык кошуунунун башчысы Ужа хан Канышайды тартып алып кеткен. Кыргыздар уйгур каганатын талка лагандан кийин, Анжы (Күжар району), Бейтик (Чыесар) катар сыяктуу чөлкөмдөрдү ээлеген. Таң сулаласы менен болгон байланышын жана достук бардыкелдисин калыбына келтирген.

Таң сулаласы кыргыздар менен болгон байланыштын кайра калыбына келишине абдан көңүл бурган. Вазирге бөтөнчө буйрук, кыргыздардын ордого тартуулаган буюмдарын сүрөткө тарттыруу жана жаздырууну тапшырган, «тапшырма аткарылган»[10]. «Хандар тарыхы жазма-чиймелери» аттуу китепке Жайсаң Лий Дийү өзү баш сөз жазып киргизген[11]. Ошондон Дажуңдун 1-жыл (847-жыл) Кулучин Ли Йачка буйруп кыргыз баатыр, ак жүрөк хан деп жаздырган»[12]. 890-жылы (Таң Жавзуң Дашундун 1-жылы) кыргызда кол чыгарып, Таң сулаласы Ли Кинин тополоңун тынчытууга көмөктөшкөн. Мындайча айт канда, сансыз тарыхы чындыктар ырастап турганы, кыргыздар менен Таң сулаласы баштан эле саясый жана аскерий иштер байланышын сактап келген. Бул түрдөгү байланыш кыргыздар менен орто түздүктөгү ар кайсы улуттардын чалчышы менен маданият алмаштыруу иштерин илгери жылдырып турган.

Таң доорунда Энесай дайрасынын көкүрөк жагында жашаган кыргыздардын коомдук чарба абалы жуңгонуң тарыхый китептеринде бир кыйла майдалай жазылып калган. Ошол кезде кыргыздардын чарбасы көчмөн малчылык болуп, мал багууну негизги кесип кылган. Кошумча аң уулоо, эгин эгүү иштерин иштеген. Кол өнөрчүлүгү менен соода иштери да өнүккөн. Төрт түлүк малдан жылкы, уй, кой, төө сыяктуу. Дыйканчылык түшүмдөрү таруу, буудай, арпа ж.б. болгон[13]. Ошол чөлкөмдө жапайы айбандардан: кулан, аркар, кулжа, бөкөн, бугу, илбирс, кашкулак, кара куйрук, карчыга, ителги, куш, ылаачын сыяктуулар болгон2. «Балыгы көп болуп, узундугу эки кезден узун болот, кылтырык, кылканы жок келет да, оозу бакалоорунда болот3. Малчылар жылкыны жакшы көрүшөт. Аң уулоого чыкканда чаңгы (лыжа) менен барышат да, муз-кардын үстүндө чаңгы учкандай сызып кетет[14]. Ал чөлкөмдө алтын, темир, калай эритилген. Темирди «жаса» деп, атайын жоокерлик жарак жасап алышат. Демейде жасагандары канжар (тинге), жаа-жебе, калкан сыяктуулар болот[15]. Үй-бүлө кол өнөрчүлүгү жагынан да бир кыйла өнүккөн. Дыйканчылык, малчылык түшүмдөрүн жасай билишет. Алып айтсак: тери, жүндөн кийим, калпак сыяктуу буюм дарды жасашат; буудай, арпадан ун тарткан; таруудан бозо ачыткан[16]. Кыргыздар дайыма таң сулаласы жана анын карамагындагы тибет, карлуктар, андан ары арабдар менен соода жасашат[17]. Кыргыздар жылкыларын жана асыл жапайы айбандардын тери-жүндөрүн Таң сулаласына тартуулап, аларга жибек-торгун алмаштырып турган. Таң сулаласынын ичкери жерлеринен иштелген ал жибек-торгундарын да дайыма кыргыз райондоруна алып келип сатып турушкан.

Саясый түзүм жагынан, «Жаңы таң тарыхнаамасында» жазылышына караганда, кыргыздар ошол кезде эле феодал таптык коомго кирген болуп, толук бийлик органдары жана катаал эреже-жосундары болгон. Кыргыздардын эң чоң башчысы «Ары» деп аталган. «Арынын» кол астында Жайсаң, Тутук (дуду, мансаптар, кеменгер, жаң-жуң (сардал), даркан – алты даража болгон. Анда Жайсаң жети, тутугу үч, мансаптары он, коргоочу жоокерлери болгон; кеменгери 15 болуп, Жаңжүң, дарканы коюлбаган[18]. Бул мансаптардын бөлүнүшү, кээ бирөөлөрү көрү нөө эле Таң сулаласынан киргендиги байкалат. Сыр – тардуштар түрктөрдү багындырган жана кыргыздарга бийлик жүргүзгөн кезде, аларга жиберген Элтебир эң жогорку бийлөөчү болгон. Анын кол астында Кушбек, Жусобу бек, Амин бек, өкүмөт агасы болгон. Кийин Уйгур каганаты бийлик жүргүзгөн кезде, уйгур ханы Арны «Билге тутку» мансабын берген. Ары кол астына караган ар кайсы уруулардан жоокер алуу, алык-салык тапшыртуу укугу болгон3. Катаал эреже жосун түзүп, чыккынчылык кылып качкандарды, милдетин аткарбагандарды, мамлекетке тил тийгизгендерди жана уурулук кылгандар сыяктууларды бүт өлүмгө өкүм кылган; андан бөлөк, «Буял», «Эркин» деген сотчулук мансаптар дагы болгон[19]. Мына булар бийлик жүргүзгөн таптын таламын коргоо үчүн, жекелердин мал-дүйнөсүн коргоочу, кыргыздарда күчтүү болгон мамлекет органдары болгонун түшүндүрүп турат.

Кыргыздардын таптык жиктелиши жана кембагал, байлардын айырмасы ошол кезде өтө айкын болуп турган. Байларында сансыз мал болгон. Көп болгондору нечелеген миң туюктан мал урунган[20]. Ал тургай уй, жылкы сыяктуу бодолорду калыңга бере турган той салты болгон. Анда калыңга берилген мал саны жүздөп, миңдеп эсептелген[21]. Байыркы Энесай жазма эстеликтеринде дүнүйө-мүлктү «ийап», бардар бүлөнү «чыңышың», байлык ээсин «жай» деген сыяктуу дүнүйө-мүлктү туюнтууга байланыштуу сөздөр болгон. Туюнган байлар кул ээлешип, аны «кул» деп аташкан. Ургаачыларын «күң» деп аташкан[22]. Кулдар көбүнчө уруштагы туткундар болгон. Дагы бир түрдүү ургаачы кулдар болуп, аларды «кыркын» деп аташкан. Ал сөздүн мааниси согуш туткуну деген маанини берген.

Кыргыздардын кийим кийиши, анын оокаты, турак үйлөрү сыяктуу турмуштук салт-санаалары да мамлекетибиздин тарыхый китептеринде жазылып калган. Арийне кембагал, байлары, мырзалары менен карапайымдарынын айырмасы да туюн тулган. Кыргыздар жөнчүлүктө ак боз үйлөрдө жашашкан. Кыштын күндөрү бир түрдүү жыгач, терилер менен жабылган ожуларда кышташкан[23]. Ары көк тоо этегинде турат. Айланасы корук менен тосулган. Кийиздерден үзүк-туурдук жасалган өргөөдө жашайт. Анын аты «мыджы» деп аталат. Баш киши лери кичик өргөөлөрдө жашашат[24]. Эт жана кымыз негизги аш-оокаты болуп эсептелет. Ары гана көмөч нан жейт[25]. Кийимдин асылдарын ары менен байлары кийишет. «Кийимдин эң асылы: кундуз терисинен жасалган кийимдер эсептелген. Кыштын күнү кундуз тебетей, жаздын күнү алтын чок шөкүлө киет, шөкүлө учмакай келет. Андан төмөнкүлөр ак калпак кийишип, кисе асынып жүрүшөт», ургаачылардын кийими жүн торгундар, бөз, жибек булдар болуп, аншы, бейтиң, арап сыяктуу жерлерден сатып келинет. «Карапайым калк тери кийимдерди киет»[26]. Тарыхта жазылышынча, кыргыздардын эркектерине караганда аялдары көп болгон. Аялдары кулак сөйкө салынышкан, жо сундуу болушкан, эрлери тууштуу болуп, алар колдоруна сайма чегип алышат. Кыздары күйөөгө тийгенде чачбоо асынат»2.

«Өлүм узатууда өлгөн адамдын бетин тилбейт, өлүктү үч тегеренип ыйлашат да, өлүктү өрттөп, анын күлүн чогултуп алып, бир жыл убагы болгондо анан жерге көмөт. Жыл болгондо аш берип, азасын күтүп ыйлашат»3.

Кыргыздар маданият жагынан жазуусу бар, сөздүк кору (казынасы) мол, бедер оймочулук өнөрү казып алынган эстелик таштарга караганда бир кыйла деңгээлде өнүккөнүн көрүүгө болот. Музыкалык аспаптарынан доолб ас, чоор, чыңыроон, жылаажын сыяктуулар болгон4. Чоң майрамдар болгондо буура жөөлөштүрүү, жолборс жылоолоо, ат маш, аркан тартуу сыяктууларды ойношот5. Астрономиялык жыл эсептөө календары болуп, аны кыргыздар орто түздүктүн жыл атоосунан пайдаланып, 12 айдын аты менен атаган. Мисалы, жолборс жыл, ит жыл деген сыяктуу аттар менен аталган; айды алар «ай» деп айткан.

Үч ай «бир мезгил» дешкен[27]. Ошол кезде кыргыздар дыйканчылык эгиндерин 3 айда эгип, 9 айда кырман алуун у ыйгарып алышкан[28]. Мындан караганда, алар ошол кезде календарлык эсепте төтө өндүрүш иштерин нштете билгенин түшүндүрүп турат. Тааным-ишеним жагында, кыргыздар табияттын ээлерине табынган. Негизгиси суунун ээси жана чөп кыялардын ээлерине сыйынышкан. Түлөө өткөрүп тооп кылуусунун турактуу бекиткен маалы болбогон. Бакшысын «кам» деп аташкан[29].

Таң доорунда кыргыздар арийне таптык коомго киргени менен бирок дагы эле баштапкы коомдун саркындылары сакталып кала берген. Алып айтканда, кээ бирөөлөр той жасаганда калың бербей алган. Кээ бир жерлерде бир урук адамдар же миң, жүз адам бир үйдө ар бири бирден жууркан төшөнүп чогуу жаткан сыяктуу уруулук турмуштун саркындылары болгон[30].

X кылымдан XII кылымга чейин болгон Ляв, Суң мезгилинде кыргыздар «Шиажас» (Шиажас) деген жазылыш боюнча аталган. «Лиав тарыхы» деген китепте жазылышынча, Лиав сулаласы Энесай дайрасынын көкүрөк жагындагы райондорго «кыргыз каганат мекемеси» курган да, ал түпкү ордого караган. «Суң тарыхы» деген китепте жазылышынча, ошол кезде кожо уйгурларынын бийлигине караштуу болгон уруулардын ичинде кыргыздар болгон2. Алардын жайгашкан жерлери Тянь-Шандын түндүк жагындагы Ысык-Көлгө тушташ келген Үчтурпан, Ак-Суу чөлкөмдөрү болгон. Бул IX кылымдагы кыргыздар ээлеген Анжы (Кучар району), Бейтиң (Чымсар району) сыяк туу жерлер менен түпкү байланыш болгон. X кылымдагы парс жазуусу менен жазылган географиялык чыгарма болгон «Дүнүйө чектери санжырасы» деген китепке караганда, Карлук районунда «Миң жол» аттуу жер болгон (азыркы Үчтурпан ооданында) болуп, өз кезинде кыргыздар бийлик жүргүзгөн. Ошол китептин дагы бир жеринде айтылышынча, булар өз кезинде Үчтурпан менен Кашкардын түндүк жагында кыргыздар болгон.

«Дүнүйө чектеринин санжырасы» (худу-дул аалам) дегендин маалыматында, кыргыз чөлкөмүндө түрдүү токойдарактар өсүп, жапайы айбандардан кара булгун, тулум чычкан, бөкөн, көдөө чычкан бар. Түшүмдөрдөн жыпар, тери, жүн, деңиз пил тиш жыгач, мал-мүлкү жылкы, төө, тери, жүн, ак боз үй сыяктуулар болот делген. Дагы бир X кылымдын алдыңкы жарым кылымынын саякатчысы Мысардын баянында, кыргыздар «буудай, күрүч жана төөнүн дагы башка бодо малдын этин, койдун, эчкинин эти сыяктууларды жешет… Алардын мамлекетинде жапайы айбандар өтө көп, аларда түндөсү жарай турган таштары (оттук таш) болот… Ошол жерден бөлөк жерде «бул түрдөгү таш жок»[31]. Жогоркулардан кыргыздардын ошол кездеги чарбалык турмушу кадыресе эле малчылыкты негиз эткенин билүүгө болот. Мысардагы мындай деген кыргыздардын бөтөнчө салттары, жосундары, таанымы, жазуусу жана тоопканасы болот. Алар чырак, отторун өчүрүшпөйт да, өзү күйүп түгөнүп өчүүсүнө таштайт. Алардын уйкаштуу ыры болот. Жыты буркураган нерсени маңдайына коюп алышып, дуба окуйт. Алар көккө ишенишет, түштүккө карап дуба кылат. Тянь-Шандын зухалы (?) жана Чолпон жылдыз менен Юпитер жылдызды урматташат. Сары жылдызды жамандыктын жышааны деп билишет[32].

Биздин санактын 1124-жыл (Бавданын 4-жыл) Лияв сулаласы ойрондолот, анын сардалы Йелүй Даси батышка качып, Энесай дайрасынын көкүрөк жагындагы кыргыз райондоруна тийип, талоон-каракчылык кылат. Ага кыргыздар каршылык көрсөтүп, чебинен кууп чыгат. 1128-жылы Йелүй Даш Орто Азиядагы эки дайранын алабына батыш Лияв хандыгын курагандан кийин кол жиберип, кыргыздарга чабуул жасап, өткөн өчүн алат. Ошол мезгилде дагы бир түркүм кыргыздар Тянь-Шань районуна көчүрүлөт.

Йуан доорунда кыргыздар Жуңгонун (кытайдын) тарыхый китептеринде «кыржыс», же «жылчыс» деген жазуу менен айтылган. «Йуан тарыхында» мындай жазылган: кыргыз эң алгачында кытай жеринен 40 кыз ус же орусту элинин жигиттерине той жасап төрөлгөн. Ошого алардын улут аты менен жеринин аты да ошол маани боюнча аталып калган. Түштүктө чоң ордого түмөн чакырым келет… Йуан сулаласына караган эки 9 миң түтүн чек арасынын узундугу 1400 чакырым келет. Көлөмүнүн жарымынан көп жеринен Кем дайрасы агып, батыш түндүккө куят. Батыш түштүгүндө дагы бир суу болуп, Обь суусу деп аталат. Анын агыны аябай улуу болуп, Кем дайрасына кошулат да, андан ары Анкара дайрасы менен Түндүк деңизге куят»[33]. Бул жерде жазылган үзүндүдөгү кыргыздардын теги жөнүндөгү «Кырк кыз» уламышы бүгүнгө чейин эл ичине кенен таралган[34] кытай жеринен келген кызгыздар менен орустун элинин жигиттери той жасоонун чын-төгүнү жөнүндө бул жазылып калган баян ишенимдүү болуп кетиши эки тайын. Бирок бул жазылып калган баяндан кыргыздар өнүп-өсүү жүрүшүндө башка улуттар менен кан кошулуусу болгонун көрүп алууга болот. Ошондой эле ошол кезде кыргыздардын жашоо борбору арийне Кем дайра өрөөнү, атап айтканда, азыркы Энесай алабы экени, конкреттүү орду Обь суусу менен Обь суусунун ортосунда[35] экенин далилдеп турат. Оп суусу деген азыркы Абакан дайрасы, Үп суусу деген азыркы улуу Кем дайрасы болгон. Жайгашуу көлөмү түндүк жагы Энесай дайрасы менен Анкара дайрасынын кошулушкан жери, түштүк жагы Таңну Ураңкай районуна чейин болгон. Йуан сулаласы Энесай өрөөнүнө түмөн түтүн мекемесин курган[36]. 1270-жылы дагы, кыргыздар сыяктуу беш уруу иш аткаруу ордун курган[37]. Ал Жылан-Жөө аймагын башкарган. Ал аймак азыркы Таңну Ураңкай районундагы Вийгилис дайрасынын төмөнкү агымынын алабындагы Түн-Терек байыркы шаары болгон. Беш уруунун экономикалык борбору болгон Кем аймагы ошол райондо болгон. Ал азыркы улуу Кем дайрасынын түштүгүндөгү Оймок деген жердеги Йуан доорундагы байыркы шаар болгон. «Иуан тарыхында» дагы мындай жазылган, 1293жылы (Жыйуандын 30-жылы), Йуан сулаласы бир бөлүк кыргыздарды азыркы чыгыш түндүгүндөгү Суңгуа жак дайра өндүрүндөгү Жан-Жавжу шаарына (азыркы чыгыш түндүгүндөгү Жавйуаи району) көчүргөн[38]. 1295-жыл (Йуанжандын 1-жылы), Йуан сулаласы дагы Жысандагы (азыркы Бейжин Йаңчың ооданы) кыргыздарды Сандуңга көчүргөн. Арийне аларга эгинчилик жер жана унаа берип, дыйканчылык өндүрүшүнө салган[39].

Моңгулдардын Йуан доору кезинде, Энесай кыргыздарынын чарбалык абалы кытай тарых китептеринде да бир кыйла жазылып калган. Ошол кезде алар ак боз үйл өрдө отурушат, чөп-суу жайытына карай мал багышат, эгинчиликти билишет, кар үстүндө чаңгы тээп, аң уулашат, жеринен атактуу жылкылар чыгат, ак, кара булгуну болот[40]. Жогоркулардан Йуан доорунда кыргыз району көчмөн мал чарбачылыкты негиз эткенин билүүгө болот.

Энесай дайрасынын көкүрөк жак алабында Кем аймагы, Жылан-Жөө аймагын өз ичине алган кыргыз жана ойрот шыктуу уруулардын району, орду жагынан жол тогоону ошол жерде болгондуктан, аскерий иштер, саясый иштер жагынан өтө зарыл болгон Йуан сулаласы Батыш түндүктөгү хандардан коргонуу базасы кылып алган. Ошондуктан, Йуан сулаласы бул райондордун өнүгүшүнө өтө көңүл бурган. Чарбалык жагынан түрдүү чараларды колдонуп, Энесай дайрасынын көкүрөк жагындагы райондордун аркада калуу кейпин өзгөрткөн. Ошол жердеги улуттардын аштык оокаты менен турмуш буюмдарынын ажатынан чыгаруу үчүн, Йуан сулаласы орто түздүк райондор менен батыш райондон дыйкандарды, кол өнөрчү жумушчуларды Кем аймагы сыяктуу жерлерге көчүрүп келип, карапа идиш куюу, темир эритүү, кай ык жана балык кармоо шаймандарын жасоо сыяктуу иштерди иштеген. Кадыресе устачылык дүкөнү курулуп, өндүрүшкө уюштурган. Кол өнөр чүлүктү өнүктүрүү, ошол жердин турмушу менен өндүрүшүнүн ажатынан чыккан. Эртеде Чыңгысхан батышка жортуул жасаган кезде эле, жогоруда айтылган жумуштар иштеле баштаган. Чаңжун ак жасоолу жазган «Батышка сапар эстелиги» дегенде мындай жазылган: «Кем-Кем аймагынан асыл темир чыгат, көк чычканы көп, буудайды кызылдап чечтейт. Кытайлардын миңдеген усталары ал жерде турат, торкун кездемелерди токушат»[41]. «Уйан тарыхында» мындай жазылган: «Кем аймагында көптөгөн усталар дүкөнү бар. Ал мамлекетке алгачында усталар кытайлардан келген»[42]. 1269-жылы (Жыйуан 6-жыл), Йуан сулаласы «Кем аймагындагы кембагал кол өнөрчүлөргө 5 миң 599 пуд аштык таратып куткарган. 1286-жылы (Жыйуан 23-жыл) Кем аймагындагы кол өнөрчүлөргө 56 миң 139 батман 12 сээр акча тараткан3.

Мына булар ошол кезде Энесай дайрасынын көкүрөк жагындагы Алапта кол өнөрчүлүк менен иштеген жумушчулардын саны өтө көп экенин ырастап турат. Дыйканчылык өндүрүшүн өнүктүрүү жагында Йуан сулаласы да көптөгөн чараларды колдонгон. Чыңгысхан Чагай уйгурду кыргыз районуна жиберип, ошол жердеги улуттун дыйканчылыгын өнүктүрүүгө жардам берген. Кампаларды салган[43]. Иуан сулаласы Кем аймагы сыяктуу жерлердин «топурагы күр, эгинчиликке эптүү, жай эгин; күз бышырып алууга боло турган семирткич куюуну талап кылбай турган» пайдалуу табигый шартынан пайдаланып, зор көлөмдө жоокерлерди жана элди жер эгүүгө чабыт берген. Унаа шаймандарды, кийимдерди бүт Йуан сулаласы таратып берген[44].

Лийу Хавлий барып милдетке коюлган соң, Энесай дайрасынын көкүрөк жак алабына шайдооттук менен «кампа», «аштык» сактагыч «туз, кен ачуу, түштүктөн (түштүк суң кутайларын) адам алып келдирип, жер сугаруу иштерин иштеген[45]. 1291-жыл (жыйуандын 28-жыл). Йуан сулаласы ойроттон кыргызга чейин болгон жолду ачууну чечим кылган. «Өкүмдардын буйругунда кыргыздардан ойротко чейин алты жерге жасакчы орун курууну бекиткен. Анын ичинде кыргыз, тыргоот, каңканас, ойрот төрт орунга төрт жасакчы, Ужуланга эки жасак ордун курган, ар кайсы жасак орунга отуздан ат, он төрттөн бээ, элүүдөн кой жана ошонун эле баасына сындырылган акча боюнча өкүмдардын буйругу мекеменин каты аркылуу түшүп, жасакчылар кошууну аткарган». Ойрот, кыргыздарга жасак жолунун ачылышы Иуан сулаласынын моңгул менен Сибирияга чейин, андан ары Түндүк муз океанга чейин болгон зарыл жолду өтүштүргөн жана жасак ордуларын толуктаган. Бул Энесай дайрасынын көкүрөк алабындагы райондордун өнөр жай, дыйканчылык өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана улуттар арасындагы экономикалык, маданияттык алмашуулар да өтө зарыл маңызга ээ болгон.

Йуан сулаласынын колдонгон чаралары менен жеткиликтүү дыйканчылык, кол өнөрчүлүк өндүрүш техникалары Энесай өрөөнүнө киргенден кийин, берекеттүү түрдө ошол жердин айыл чарбачылык, кол өнөрчүлүк өндүрүшүн илгери жылдырып, кыргыздардын жылуу кабылдоосуна ээ болгон. «Йуан тарыхында» мындай жазылган: Мурда «эли карападан идиш жасоону билбеген, сууларында кай ык жок экен, Лийу Хавли усталарды чакыртып келип, алардын элине үйрөттүргөн, эмдигиге чейин ушуну колдонуп келишет, карапа жасоо менен кайык жасоону үйрөнгөндөн кийин, жергиликтүү элге эптүү болгон» өндүргүч күчтөрдүн өнүгүүсү ар кайсы улуттардын барды-келди каттоосун жана достук көмөктөштүгүн илгери тарткан, кыргыздар жана кээ бир «токойлук элдер» дыйканчылык менен кол өнөрчүлүк өндүрүшүн дагы бир демитип алга карай өздөштүрүп, заттык турмушунун мазмунун байыткан, ошону менен бирге кытай, уйгур сыяктуу көчүп келген элдер жергиликтүү элдин бөтөнчө өндүрүш техникаларын үйрөнүп, аңчылык, малчылык өндүрүш билимдерин көбөйткөн да, ар кайсысы өздөрүнүн турмуш жана өндүрүш ажатын кандырышкан. Ар улут эли узаккы мезгил табыят менен күрөш жасоо аркылуу, мамлекеттин түндүк жергесин орток ачкан.

Миң доорунда кыргыздар «кыржыс» деген жазылышта айтылып келген да, ойроттордун кол астына караган. Ойроттор бир бөлүк кыргыздарды Чүй, Талас дайра алаптарына сүрүп салган, Тянь-Шандын түндүгүндөгү кыргыздар менен көп жолу кандуу салгылашкан. Кээ бир окумуштуулардын баамында, кыргыз элинин ичине кеңири таралган атактуу «Манас» эпосунда, негизинен, мына ушул доордогу (Миң доору) кыргыздар менен калмактардын (ойроттордун) согушкан тарыхый чындыгы чагылдырылган болуп да, андагы «Чоң казатта» кыргыздар Эсенкан жагынан Алтайдан Чүй дайрасы, Талас дайра алаптарына айдалгандык абалы сүрөттөлгөн деп карайт.

XVI кылымда Чыгыш Моңгул ойротторго күчтүү чабуул жасайт да, ойротторду батышка сүрүп салат. Бир бөлүк кыргыздар да батыш түштүккө оойт да, Тянь-Шандын түштүк-түндүгү болгон Ысык-Көл жана Аксуу, Үчтурпан, Кашкар жакка көчүшөт.

Чиң сулаласы кезинде, кыргыздар тарыхый китептерде «бурут» деген айтылыш менен аталган. Бир мезгилде карка моңгулдардын жасак Токондун колуна караган. Кийин жуңгардын карамагына өткөн. Бул мезгилде, кыргыздар кысымдардан бери конуштанып жана жашап келген ата конуштарынан айдап чыгарылган эле. Анын мындай болушунун түпкү себеби, алардын түндүк жагындагы падышачыл Россиянын оторчулугунун кеңейишинен улам болгон болчу.

XVI кылымдан XVIII кылымдын ортосуна чейин, Россиянын кулдануу түзүмү ичте элди бастыруу, сыртка карата кеңейүү аскердик феодал ээлемендик жагына өөрчүп жетип, мамлекетибизге көрүнөө оторчулдук саясатын алып барды. Эртеде эле XVI кылымдын соңунда, Россия биринчи урпак падыша «Ифан-4» мамлекетибиздин батыш түндүгүндөгү ойрот моңгулдары менен кыргыз ра йондорун зор көлөмдө жалмоосун кеңейте баштаган. 1581-жылы падышалык Россия Улар тоосунан өтүп, батышка карай Сибирь каганатына жапырык жасап, 1594-жылы Россиянын оторчул колу Күчү ханды өлтүрүп, анын бүт жергесин басып калат да, Чомун жана Талаа сыяктуу жерлерге оторчул конуш курат. Андан ары Сибирь каганатына тушташ жаткан ойрот моңгул улутунун райондору менен кыргыз райондоруна кол сунат. Ошол кезде кыргыз улутунун негизи арийне Энесай дайрасынын көкүрөк алабы менен Обь дайра – өрөөнүндө болуп, Томтула (Томск) Инеше-бошиң (Енисейск), Кызыл-Жар (азыркы Красноярск) жана Таңну Ураңгай райондорун өз ичине алган жерлерде жашашкан болчу. 1619-жылы падышалык Россия чыгышты көздөй куралдуу оторчулук алып барып, Энесай дайрасынын орто алабындагы кыргыз районуна кирет да, Енисейскини курат. XVII кылымдын баштарында, жогоруда айтылган жерлердеги кыргыздар карка монгулдардын жасак Токондун кол астындагы уруусу Шаңмову баш коңтайжынын төтө башка руусунда болгон. …Алар алды-кийин болуп 1604– 1618-жылдары, 1628-жылы болуп кыргыздар районуна Томск, Косиноск жана Красноярск оторчул конуштарын курган…

Кытайчадан которгон Макелек ӨМҮРБАЙ

[1] «Түндүк Жов тарыхнаамасы», 50-ором, «Түрктөр санжырасы», 99-ором, «Түрктөр тарыхы».

[2] «Түндүк тарыхы» 99-ором, «Түрктөр санжырасы».

[3] «Жаңы таң тарыхнаамасы».

[4] Ошондо.

[5] «Жаңы таң тарыхнаамасы».

[6] Ошондо.

[7] «Мекеме билги», 986-ором.

[8] «Жаңы тарыхнаама», 217-ором.

[9] Лий Дийү  «Хуйчаң чыгармалар жыйнагы».

[10] 1-эскертүү менен окшош.

[11] «Жаңы таң тарыхнаамасы» 217-ором. «Кыргыздар санжырасы».

[12] Ушул эле көрсөтүлгөн жылнаамада.

[13]  Ушул эле жерде. 2  Ушул эле жерде. 3  Ушул эле жерде.

[14]  Ушул эле тарыхнаамада.

[15] «Жаңы  таң  тарыхнаамасы» 17-ором. «Кыргыздар санжырасы».

[16]  Көрсөтүлгөн тарыхнаамада.

[17] «Жаңы таң тарыхнаамасы» 217-ором. «Кыргыздар санжырасы».

[18] Ушул эле көрсөтүлгөн тарыхнаамада. 3 Ушул эле көрсөтүлгөн тарыхнаамада.

[19] Батыянов: «Байыркы түркий жазуусу Энесай эстеликтеринин тил жөнүндөгүсү».

[20]  Ушул эле эмгекте.

[21]  Ушул эле эмгекте.

[22]  Ушул эле эмгекте.

[23]  Ушул эле эмгекте.

[24]  «Энесай» эстеликтеринин тил жөнүндөгүсүн» караңыз.

[25] Ушул эле эмгекте.

[26] Ушул эле эмгекте. 2 Ушул эле эмгекте. 3 Ушул эле эмгекте. 4 Ушул эле эмгекте. 5 Ушул эле эмгекте.

[27] «Жаңы тарыхнаама»  217-ором. «Кыргыздар санжырасы».

[28] «Жалпы Жусуп Кыргыздар», «Тынчтык аалам эстеликтери, кыргыздар».

[29] «Суң тарыхы» 490-ором. «Идикун санжырасы».

[30] Махмут Кашкарий. «Түрдүү тилдер сөздүгү», 1960-жыл, Ташкент басмасы. 2 Ошондо.

[31] «Йуан тарыхы» 63-ором «Жуграпия тезкиреси».

[32] «Кыргыз» сөзү түрк тилинде «кырк» сан, «кыз» деген эки сөздөн куралганы тек таралган. Бирок «Кырк   кыз уламышы» Йуан тарыхында айтылганга окшобойт.

[33]  «Йуан тарыхы» 63-ором, «Жуграпия тезкиреси».

[34]  «Йуан тарыхы» 93-ором, «Бапале санжырасы».

[35] «Йуан тарыхы» 63-ором, «Жуграпия тезкиреси».

[36]  «Йуан тарыхы» 18-ором, «Чыңыз зуң бий жыл санагы» 169-ором «Лийу Хала бадулу сан жырасы».

[37]  «Йуан тарыхы» 8-ором, «Чың Зуңбин жыл  санагы».

[38]  «Йуан тарыхы» 63-ором «Жуграпия  тезкиреси».

[39]  «Чаңчун ак жасоол» «Батышка сапар эстелиги» 100-бет.

[40]  «Йуан тарыхы» 63-ором, «География санжырасы».

[41] «Йуан тарыхы» 14-ором, «Ш. Зубин жыл санагы».

[42] Советтик Кыргызстан Республикасы илимдер академиясынын тарых  изилдөө  орду. «Кыргыз тарыхы» 150-бет (1956-жыл, Фрунзе). 3 «Йуан тарыхы», 11-ором, «Ш. Зубин жыл санагы», 11–12-оромдор.

[43] «Йуан тарыхы» 7-ором, «Ш. Зубин жыл санагы».

[44] «Йуан тарыхы» 6-ором.

[45] «Йуан тарыхы» 63-ором, «География санжырасы». «Йуан тарыхы» 167-ором, «Лиухавли санжырасы».

ТУРГУН АЛМАС

УЙГУРЛАР

Котормочудан

1989-жылы Үрүмчү шаарындагы «Жаштар жана өспүрүмдөр» басмасынан Шинжандагы уйгур элинин белгилүү акыны, тарых изилдөөчүсү Тургун Алмастын «Уйгурлар» аттуу китеби жарык көрдү. Китеп уйгур тилинде, көлөмү 841 бет. Китепте, негизинен, уйгур улутунун тарыхына байланыштуу Чыгыш-Батыш тарыхчылар жазып калтырган материалдарына кеңири орун берилген. Кыргыздар менен уйгурлар өз атын, улуттук тилин жана насилдик намысын миңдеген жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин сактап келе жаткан Азиядагы эң байыркы улуттардан. Уйгурлардын тарыхы жөнүндө сөз козголсо, кыргыздарды эскербей өтө алышпайт. Анткени эркиндикти, боштондукту баарынан жогору баалаган кыргыз эли IX кылымда эби-сыны жок бийлеген, аёосуз кыргынга учураткан Уйгур-Орхон каганатын талкалап, Ата Журтуна (азыркы Монголияга) түбөлүк кайрылгыс кылып, туш-тарапка качууга мажбур кылган. Бул бардык тарыхчылар кыя өтө алгыс факт. Китепти окуп жатканымда кыргыздар жөнүндө кандай тарыхый окуяларды киргизерине өзгөчө көңүл бурдум. Мындан тышкары дагы көңүл бурган нерсем, биз Орто Азия элдери өзүбүздүн улуттук тарыхыбызда Батыш окумуштууларынын ой элегинен өткөн тыянактарга гана сүйөнүп жазып келгенбиз. Булактын накта көзүнөн суусун кандыра алган эмеспиз. Батыштын тарыхчылары болсо, жаныбыздагы булактан наар алып жатканын жашырышкан эмес. Биздин заманга чейинки II кылымдан тартып, эрабыздын VII кылымына чейинки болгон доордогу Орто Азияга таандык биз биле ала турган бардык маалымат, бүтүндөй дээрлик кытайдын I тарыхый материалдарынан алынган»,– дейт Бартольд.

80-жылдардын башынан тартып, абал өзгөрө баштаганын сезүүгө болот. 1978-жылы ачылган КПКнын II чакырылышынын III пленумунан кийин Кытай Эл Республикасында бир бурулуш жүз берди. Мына ушул кырдаал Шинжанда жашаган кытайдын башка улуттардын бай ыркыдан берки өздөрүнүн тарыхын, маданиятын кайрадан карап чыгышына кеңири жол ачты. Бул китепти да анын жемиши катары карообуз керек. Шинжандык көп изилдөөчүлөр авторлор кытай жазуусун, тилин, араб, фарсы тилдерин мыкты билгендиктери үчүн, ата-бабаларынын тарыхын иликтегенде Кытай, Араб, Фарсы, ал түгүл Юннан (грек) булактардан да пайдаланышты. Кыргыз тарыхчысы маркум Анвар Байтур болду.

Уйгурлар тарыхы жазылган бул китепте, жалгыз уйгурлардын гана эмес, Кундардын, Чыгыш-Батыш Түрк каганатынын, кытайлардын солаларынын, Жужандардын (Аварлардын), Кытандардын (Кидандардын), Селжуктардын, Газнавилердин, Араптын саманийлери менен Хоразим, Кушан жана Чынгыш кандын неберелери курган Монгол империясынын, Караханиддердин, ал түгүл Искендер Зулкарнайндын, кыскасы, Азияда байыркы жана орто кылымда болуп өткөн бардык окуялардын тарыхына ой жүгүртүлгөн. Албетте, биз Батыш тарыхчыларынын илимий методдору менен бул китептеги тыянактарга салыштырып, артык-оошун табууга умтулуудан оолакпыз.

Чынгысхан жортуулуна чейин (XIII кылымдын башы) Орто Азияда кыйла чоң каганаттарды, империяларды курган бир нечелеген тайпалар, өз кезегинде тарыхый кырдаалдын кыштоо су менен Орто Азия тарыхый сахнасынан түшүп кетти. Кундардын империясы, Чыгыш-Батыш Түрк каганаттары, Жужандар (Аварлар) каганаты, Уйгур-Орхон каганаты, Жүржиттер, Кытандар (Кидандар) жана башка майда хандыктардын азыр тарыхый издери гана калган. Өздөрү болсо Ата Журттарын таштап кетүүгө аргасыз болду, же башка салмагы күчтүү тайпаларга пааналап барып, ага сиңип кетишти. Байыркы уйсундар, жоочулар (кытайча юечжылар), каңлылар, шианпилер, түргештер, карлуктар, Кыпчактар, огуздар, наймандар, коңураттар жана башка дагы толуп жаткан көчмөн тайпалар өз кезегинде белгилүү территория ээлеп, хандык курган болсо да, азыр башка улуттардын ичиндеги уруулар катары гана аты сакталып калды. Карт тарыхтын калабалуу койнунда көп тайпалар өздөрүнүн ата-бабалары кан төгүп курган дандыктарынан ажырап калса, анын тескерисинче, аларды бириктирген же «кокус» чыга калган, мурда тарыхта аты белгисиз тайпалар тарыхый сахнадан орун алды. Кыргыз тырыхын изилдөөдө мына ушул элдердин, ал түгүл аларга тикелей катышы бар кытайдын тарыхын билүү зарыл өңдөнөт. Кыргыз менен уйгурлар кыйрап да, кыйратып да көрүшкөн, бирок жогоруда айтканымдай, өздөрүнүн насилдик аттарын сактап, тарыхый сахнадан ээлеген бурчун алдырбай бул күнгө жетти. Кыргыздар менен уйгурлар бир тууган элдер жана байыркы замандан тартып эле коңшу жашап келе жатышат. Илгери жоокерчилик заманда, күчтүүрөөк чоң тайпалар коңшуларын да аяган эмес. Жашоо шарты ошондой болучу. Жер жана боштондугун талашып, өз ара кан төгүшүп турушкан.

Кытайдын байыркы жылнаамаларында, кыргыздар биринчи жолу мындан 23 кылым мурда болуп өткөн окуя боюнча, биздин заманга чейинки экинчи кылымдын аягында кагазга түшүрүлгөн. Бул улуу тарыхчы сыма Чиендин калемине таандык. Андан кийинки жазылган жылнаамаларда болсо, кыргыздар катышкан тарыхый окуяларга жараша, улам кененирээк эскериле берет. Кыязы, кыргыздар ошол учурларда өздөрүнүн боштондугун салык төлөө менен сатып алып турганы белгилүү. Көз карандылыгы менен боштондугу тез-тез алмашып турганын көрөбүз. Кыргыздарды Хундар, Чыгыш-Батыш түрктөрү, Уйгур-Орхон каганаттары багындырышкан. Бирок Кыргыз хандыгы тикелей алардын башкаруусунда болгон эмес. Өз мамлекетин өздөрү башкарган. Салыгын төлөп, согуш учурларында аскерий жардам беришкен.

Окурмандарга тартууланып отурган бул үзүндүлөрдүн котормосу кыргыз тарыхын жазууга сөзсүз жардамы тиет деген ойдон алысмын. Анткени китептин автору пайдаланган булактар биздин тарыхчыларыбызды таң калтыра албайт.

Уйгур тили мага өз эне тилимдей. Анын үстүнө кытай тилин иероглифтерин кадыресе билем. Ошондо да которуу үстүн дө эки чоң нерсеге кабылдым. Мында уйгур изилдөөчүлөрүнүн басып өткөн жолун негиз кыла отуруп, бул эки тоскоолдукту да, өз ылайыгында чечүүгө аракеттендим.

  1. Тексттерде кездешүүчү кытай иероглифтеринин транскрипциясы маселеси, биз бүгүнкү күнгө чейин кытай иероглифтерин россиялык жана советтик синологдор кандай транскрипцияласа, ошондой колдонуп келдик. Алардын жазганы бизге багыт, тайгалангыс жол болгон. Буга өзүбүздүн «билбестигибиз» кошулуп, аларга карата татынакай бир культ пайда кылып алдык. Кытайда «шинжиан» деген эки иероглифти «цзиньцзян» деп жүрөбүз. Чындыгында бул эки иероглифтин айтылышы жана кулакка угулушу «цзиньцзян» эмес, «шинжиан». Бул албетте, орустун фонетикалык эрежесине багындырылгандык.

Муну бардык материалдардан, асыресе кеңири белгилүү болгон Бартольд, Бернштам, Абрамзон, Алексеев, Худяков, Гумилев жана башкалардын эмгектеринен, СССР ИА Чыгыш таануу институтунан чыгарылган «Материалы по истории кочевых народов в Китае III–IV вв» деген китептен да көрүүгө болот. Шинжианда жашаган уйгур, казак, кыргыз, монгол жана башка улуттар иероглифтердин айтылышына, угулушуна карап азыркы өздөрү колдонуп жаткан жазуулары менен эле транскрипциялап келе жатышат. Коңшу кытай эли менен «черези» жок мамиле түзөт экенбиз, анда алардын тилине да, жазуусуна да өзүбүздүн улуттук мүмкүнчүл үгүбүз боюнча туура мамиледе болушубуз өзүбүзгө гана жеңилдик туудурмак. Мен иероглифтер кандай айтылса, ошондой транскрипциялоону ылайык көрдүм. Маселен: «Сыма Цянь» эмес, «Сыма Чиен», «Ши цзи» эмес, «Шы жи», Синьцзянь эмес, «Шинжиан».

  1. Китепте кездешүүчү жер-суу, уруу тайпа, мансап титулдарынын аталыш маселеси. Орус синологдору «Лао Шан Шанью Цзи Чжоу» деп жазган титулу менен адам аты уйгур изилдөөчүлөрүнүн эмгектеринде «ага тең рикут Каюг» делинип жүрөт. Байыркы көчмөндөрдүн жана өзүбүздүн тарыхыбызды жазсак, биз ушул экөөнүн кайсынысын колдонушубуз керек?

Байыркы заманда жашаган адамдарга бул наамдар түшүнүктүү болгон. Азыр болсо бизге түшүнүксүз. Өзүбүзгө түшүнүктүү кылуу үчүн аларды мүмкүндүгүбүздүн жетишинче өз тилибизге жакындатуу керек. Бул маселе өтө татаал болгондугуна карабастан Үрүмчүлүк уйгур изилдөөлөрү тарабынан кыйла даражада ылайыктуу чечилди десек жаңылышпайбыз.

Уйгур изилдөөчүлөрү бул маселени кандай чечти?

80-жылдардын башында Кытайдын байыртадан бери жазылып келе жаткан тартипке келтирилген, мамлекеттик тарых деп таанылган «24 тарыхчынын» ичиндеги (3259 том дээрлик 48 миллион иероглиф) Орто Азияда жашаган байыркы элдерге катышы бар тарыхый окуялардын тексттерин уйгур тилине которуп басуу боюнча айрым окумуштуулар, котормочулардан турган редакциялык коллегия түзүлгөн болучу. Муну Шинжиан университети, Шинжиан коомдук илимдер академиясы шефке алды. «Уйгурлар» тарыхын жазган автор редколлегиянын мүчөсү. Бул топтун алдына койгон максаты ишке ашса, убакыт жагынан ондогон жылдарга созулган, көлөмү 30 томдон кем болбогон баалуу материалдардын сериясы «түркий тилинде» пайда болгон. Анын тунгуч тому – Кытайдын белгилүү байыркы тарыхчысы Сыма Чиендин биздин заманга чейин эле жазган «Шы жи» («Тарыхый жазмалар») деген китебинен үзүндүлөр уйгур тилинде 1989-жылы жарык көрдү. Экинчи тому Бан Го жазган «Хан Шу» («Хан наама, Хан солаласынын тарыхы») которулуп басмага берилген. Калган томдору которулуп жатат. Үрүмчүлүк аз сандагы демилгечилер кытай жылнаа маларын которууга киришкенде эле жогоруда айтылган жер-суу, уруу тайпа, мансап титулдардын аттарын кандай берүү маселесине такалышты. Компетенттүү көп материалдарды изилдеп, бир тыянакка келүү зарылдыгы туул ду. Иш жүзүндө бул да оңой иш көрүнбөдү.

Кытай жылнаамаларын үйрөнүүдө же которууда ким эле болбосун адегенде жалпы билим берүүгө тийиш болгон эки нерсеге кабылары айкын болду. Биринчиси, Кытайдын байыркы тарыхчылары оюндагысын кагазга түшүрүп жатканда эч кандай пунктуация колдонгон эмес. Жогорудан төмөн (вертикаль) шурудай тизилген иероглифтердин мамысынын мааниси так бир-эки сүйлөмдү ажыратып алуу кийинки тарыхчылар үчүн кыйынчылык туудурган. Акыры, байыркы авторлордун жазгандарын изилдеген тарыхчылар аны чечүүнү көзгө кармап, жылнаамаларды барактай отуруп, тыныш белгилерин коюп, кайрадан жандандырууга мажбур болушкан. Бул миңдеген томдорду аарчып тазалоо жана өздөштүрүү деген сөз. Кытайча азыркы айрым китептерде байыркы жылнаамалардан үзүндү алганда, окурмандардын көңүлүнө күмөн калбас үчүн «тыныш белгилери коюлган» деп эскерте кетишет. Экинчиден, байыркы жалнаамаларда тыныш белгилеринин жок болгонунун тышында, алардын оригиналында архаикалык иероглиф, сөз, сүйлөм эбегейсиз көп. Ошондуктан аларды азыр аз сандагы окумуштуулар гана окуп түшүнө алат. Кыскасы, кытайдын байыркы жылнаамаларын өз алдынча бир архаизм лабиринти десек болот. Бул чыгарма чытырман лабиринт, ириде Кытайдын өз тарыхчыларынын башын катыра баштаган. «Баш катырма» акыры барып, байыркы жылнаамаларды түшүн дүргөн өзүнчө китептердин жүздөгөн сериясынын жаралышына алып келди. Буга жанаша эле беш миң жылды камтыган, баа жеткис рухий байлыкты чагылдырган, саргарган китептерди тар чөйрөнүн мүлкү бойдон калтыргысы келбеген кытай окумуштуулары, болочок урпактарын эске ала отуруп, акырындык менен аларды азыркы тилдерине которо башташкан. Бул кыймылдар, албетте, кеңири окурмандардын «лабиринтке» эркин кирип, кыйналбай жол таап чыгып кетишине мүмкүндүк ачты. Уйгур изилдөөчүлөрү алды менен мына ушул кошумча китептерди жыйнап, өз максаттарына ылайык иреттеп чыгышты. Ошондой эле тандап алган материалдарынан али которулбагандарын жаңыдан кайра которушту. Андан ары уйгур тилине ырааттуу которо берүү милдети гана калган. Бирок котормочулар жеңил жолду таштап, атайын татаал жолго түшүп алышты. Алар байыркы жылнаамаларды «казып» кирип, бир жагынан сабак ала, бир жагынан ошону негиз кылып которо башташты. Азыркы тилге которулган тексттерден болсо «жандооч» катары гана пайдаланышты. Демек, уйгур изилдөөчүлөрү татаал жолду тандап алышкан болсо да, кытайдын байыркы «кенчине» тереңдеп кире берүүгө өздөрүнө жол ачып алышты. Биз бул туугандарыбыздын кайратына канааттангандыгыбызды гана билдиребиз. Мына ушул абалдарды жана башкасын чотко сала келгенде азыркы кытай тилин жана жазуусун билген эле адам, же кез келген маалыматтуу деген кытай зыялылары байыркы жылнаамалардан эркин пайдаланбастыгы мүмкүн деген тыянакка келебиз. Иш ушундай болгон соң, Батыштын байыркы канаттуу синологдорунун сөз терминдеги жаңылыштыгын табигый нерсе катары гана карообуз керек.

Эми уйгур изилдөөчүлөрү кытай булактарындагы байыркы жер-суу, уруу-тайпа, мансап-титул аттарын кандай которгонуна токтололу. Кытайдын ар доорундагы, ар кыл сарай тарыхчылары нерсенин атын кагазга түшүрүүдө төмөнкү төрт түрдүү ыкмага сүйөнгөнү маалым.

  1. Нерсенин атын жазууда кытай тарыхчылары «шартына жараша» өздөрү ойлоп таба койгон наамын ыйгарып жаза салышкан. Маселен: Фергананы – Даюан, Өзгөндү – Юечың, Бактрияны – Даша, Кундарды болсо Чүнвий, Шанруң, Шиенйүн, Шүнйү деп жазышкан. Огуз уруусуна Сыма Чи ен «Хужие», Бан Го «Ужие» деген наам берген. Уйгур изилдөөчүлөрү мындайларга комментарийлери менен өз наамын берүүгө умтулушту. Дагы айта кетсек, байыркы кытай тарыхчылары улутчулдук сезимдерге, амбицияга берилип, Түндүктөгү көчмөн элге карата жапайы, түркөй, жетилбеген деген маанидеги иероглифтерди дагы колдонгон. Сыма Чиенди которуп жарыкка чыгарган китептин киришмесинде: «Уйгурча которуу учурунда… оригиналындагы бир тууган улуттарга жана чегара аймактарга карата колдонулган акаараттуу наамдардын бардыгы азыркы колдонулуп жүргөн сөз ибаралар боюнча алынды» – деп эскертишет.
  2. Кытайдын байыркы жылнаамаларын жазган тарыхчылар жазып жаткан нерсенин атын сурап маанисин түшүндүргөндөн кийин аны кытай тилине которуп жазышкан. Маселен: Теңиртоо дегенди «Тяншан» (тян – асман, теңир, шан – тоо), Көк көлдү (Кукунорду) Чиң хай (Чиң – көк, хай – деңиз) деп жазышкан. Уйгур изилдөөчүлөрү мындай наамдар азыр да жалпы колдонулуп жаткандыктан көп өзгөрүш киргизишкен жок.
  3. Жарым-жартылай которулуп жазылган наамдар. Маселен: «Зо гу ливаң» (Кундардын мансап аты) деген төрт иероглифти изилдегенде, биринчи жана төртүнчү иероглиф «сол», «хан, кан» дегенди билдирет. Ал эми ортодогу «гу ли» деген эки иероглифтин кытайча маанисин түшүнүү кыйын. Уйгур изилдөөчүлөрү кундар түрк тилинде сүйлөшкөндүктөн «гу ли» – «кол, колу» деген сөздүн транскрипциясы болуш керек деген божомолго келишти. Ошентип, «Зо гу ли ваң» – «Сол кол кан», «Ю гу ли ваң» – «Оң кол кан» деп которушту. Мында Уйгур изилдөө чүлөрүнө кошулуубузга туура келет. Анткени көчмөндөр өз элин миңдеген жылдардан бери оң, солго бөлүп башкарышкан.
  4. Кытай тарыхчылары жазып жаткан нерсени жат элдер кандай атаган болсо, аны иероглифтер менен тыбыш жагынан толук келбесе да, үндөштүүрөөк кылып транскрипциялаган. Маселен: «Уйсун» – «У суң», «Тараз» – Талас, «Кең суу» – «Ган су», – «Арашан – «А ла шан», «Кыргыз» – «Же жа сы», «Жи ли жи сы» ж. б. Уйгур изилдөөчүлөрү болсо, аталманын азыркы жалпы колдонулушун эске алып өзгөртүшкөн жок (Талас, Гансу).

Китептеги тексттерди которууда мен көбүнчө уйгур изилдөөчүлөрү колдонгон ыкмага сүйөндүм. Кыргыз тарыхынын мейкиндигин ачык түшүнүп алуудагы маданиятыбыздын бышуу процессинде ушул өңдүү татаал маселелер качандыр бир күн, биздин алдыбызда чечилүүгө арзырлык илимий каражаттар катары окумуштууларыбызды ойлонтууга тийиш. Бул – мындан эки миң жыл мурда жашаган кыргыз хандыгынын (мамлекетинин) ээлеген географиясын, хандык структураны түзгөн майда уруулардын наамдарын, бийлик институтундагы жыйырмадан ашуун мансап, титул аттарын аныктоо, өз ордуна коюу милдети бар дегенди түшүндүрөт. Урпактарыбыз алдында биздер мындан качып да кутула албайбыз. Мурдакыдай билип-билбей, көрбөй «иши кылып» кыргыз тарыхын жаза албайбыз.

Башкалар өңдүү ата-бабамдын тарыхына мен да кызыгам, окуйм, изденем. Балким, ошон үчүн чыгаар, булактын кайнар көзүнөн, жок дегенде жакын жеринен суу сунумду кандырууну артык көрөм.

Эми, кадырлуу Тургун Алмас өзүнүн китебинде кыргыздар жөнүндө эмнелерди айта алгандыгына көңүл буралык.

Китептин кыргыздарга тиешелүү тексттеринен

Менин оюмча, Орто Азия алкагына чыгыштагы Хинган тоолорунан тартып, батышта Каспий деңизине чейин, түндүктө Алтай тоолорунан тартып түштүктө Гималай тоолоруна чейинки болгон аралык кирет. Мына ушул Орто Азия алкагына кирген кеңири чөлкөмдүн борбордук бөлүгү – Шинжиан, Жети-Суу, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан өңдүү жерлерди кучагына алат (2-бет).

Миладиянын (биздин жыл санообуздун) III кылымында жашаган (196–250) Йү Хуан: «Вей хандыгынын кыскача тарыхы» деген чыгармасында Туралар жөнүндө мындай деп жазган:«Огуз мамлекети… Уйсундардын батыш-түндүгүнө, Каңлы хандыгынын чыгыш-түндүгүндө жайгашкан. Алардын аскерий бөлүктөрүндө 10 миңден артык жоокер бар. Огуздар мал чарба менен күн көрүшөт. Алардын журтунан жакшы аттар чыгат. Жапайы айбандардан илбирс бар. Кыргыздардын мамлекети Каңлы хандыгынын (Арал жана Балкаш көлдөрүнүн аралыгы) батыш-түндүгүнө жайгашкан, 30 миң жоокери бар. Булар мал чарбачылыгы менен иришет. Булардын жеринде илбирстер көп, жакшы жылкылары да бар. Туралар мамлекет Каңлы хандыгынын түндүгүндө, 60 миң кишилик аскерий конушу бар. Эли чарбачылык кылат… Жогоруда аталган үч мамлекеттин ичиндеги Кыргыз мамлекетинин борборунан Кун теңрикутунун (шанүйүсүнүн) Орхон боюндагы ордосуна баруу үчүн 7000 чакырым жол жүрүүгө туура келет. Кыргыз мамлекетинин түштүгүнөн Арка Кошу жана Алты бектикке баруу үчүн 5000 чакырым жол жүрүүгө туура келет. Кыргыз мамлекетинин батыш-түштүгүнөн Каңлы хандыгынын чек арасына баруу үчүн 3000 чакырым жол жүрүүгө туура келет. Кыргыз мамлекетинин батышынан Каңлы хандыгынын борборуна (азыркы Ташкен шаарынын батыш-түндүгүнө жайгашкан Киш шаарына – автордун эскертүүсү) баруу үчүн 8000 чакырым жол жүрүүгө туура келет (19-бет).

III кылымда уйгурлардын чоң тармагынын бири болгон Чыгыштын огуздары азыркы Зайсан көлү, Алтай тоо лорунун өрөөндөрүндө жашаган. Кыргыздар азыркы Енисей дарыясынын жогорку агымы менен Обь дарыясынын жогорку агымында жашаган. Батыш туралары болсо, бүгүнкү Балкаш көлүнүн батышынан тартып, чыгышта Иртыш дарыясынын жогорку агымы аралыгында жашаган (19-бет).

«Хан солаласы жылнаамасынын» «Суву жөнүндө баян» деген бөлүгүндө биздин жыл санообуздан болжол менен бир кылым илгери Чыгыш туралар элинин саны бир нече түмөн (бир нече он миң) экендиги баяндалган. Бир нече кылымдан кийин (биздин жыл санообуздан мурдагы I кылымдан III кылымга чейин) Чыгыш тураларынын саны көбөйүп, Батыш тураларынын санына жакындаган. Мына ушул фактыларга караганда, Чыгыш жана Батыш туралар деп аталган ата-бабаларыбыз өз заманында сан жагынан башка бир туугандарына (каңлы, кыргыздарга) караганда өтө көп болгон (19–20-беттер).

«Суй солаласы жылнаамасынын» «Туралар жөнүндө баян» деген бөлүгүндөгү жазмаларга негизденгенде, туралардын VI кылымдын аягындагы абалы мындай: «Туралардын ата-бабалары Кундардын үрүм бутагы, алардын урук-жамааты өтө көп» (жылнаамада туралардын жашаган жерлери, тайпа аттары төмөнкүдөй берилген:

  1. Байкал көлүнүн түштүгүндө Тоба тайпасы жашаган.
  2. Монголиянын Селенга, Тугла, Орхон дарыяларынын өрөөндөрүндө Бөкү, Тоңура, Уйгур, Байырку тайпалары жашаган. Булар «Эркин» деп аталган. Булардан башка жана Монголияда Мончин, Туругур, Хугурсур өңдүү тайпалар бар.
  3. Жунгариянын чыгышынан тартып Иле өрөөнүнө чейинки болгон аралыкта Чебнилер, Бурждар, Азылар, Сыныгактар, Огуздар, Кыргыздар, Унигурлар жашаган.
  4. Алтай тоолорунун батыш-түштүгүндө Сур Тардуштар, Жеруктар, Забиндрлар, Түргештер жашаган.
  5. Самаркандын түндүгүндө (Балкаш, Арал көлдөрүнүн өрөөнүндө), Эдил дарыясынын бойлорунда Адыздар, Хазарлар, Булгарлар, Печенектер, Когайлар, Кыпчактар, Сиварлар, Бортастар, Йемектер жашаган.
  6. Жайык (Орол) дарыясынын чыгышында жана батыш жактарында Сарыгурлар, Саксындар, Мокшалар, Черкестер жашаган.
  7. Чыгаш Урум империясынын чыгышында Огуздар, Аландар, Башкырттар, Кундар… жашаган.

Мына ушул жогоруда оозго алынган Тура тайпаларынын аттары ар кыл болсо да, алардын орток аты «Туралар» деп аталган. Туралар өздөрүнүн жашаган жайларына жараша чыгыштагылары Чыгыш Түрктөргө, батыштагылары Батыш Түрктөргө багынган (25–26-б.б.).

Арабдын Аббасийлер халифатынын (750–1258) туңгуч халифасы Обул Аббас Абдулла (750–754) миладиянын 750-жылы Тамим бинни Бэхр эл Мутвий деген кишини Аббасийлердин борбору Багдаддан Уйгур-Орхон каганатынын Ханы Теңирде болмиш эл этмиш билге Баянчур кагандын (747–758) Орхон дарыясы боюндагы ордосуна элчи кылып жиберген… Ал эскерүүсүнүн бир жеринде: «Барыскоондон Орхонго баруучу жолдо жалгыз гана Түрк ханынын почтосу жүрүп турат» – деп жазган (32–33-б.б.).

Уйгур-Орхон каганаты күчөп империя даражасына (745- 830) Уйгур-Орхон каганатынын аймагына азыркы Монголия жана ички монголдордун бир бөлүгү, Жунгрия, Тарим өрөөндөрү, Фергана, Кыргызстан, Иле өрөөнү, Балкаш жээктери кирген (34-б.).

Уйгур-Орхон миладиянын 795-жылдарынан 830-жылдарына чейинки 40 жыл ичинде Адиздардан чыккан Кагандардын башкаруусунда күч алган, шаан-шөкөттүү доо рунун даңкын сактаган. Бирок Айтеңиринде кут болмуш күчтүү билген кагандын дооруна келгенде» (832–839) Яглакарлар менен Адыздар кагандык так талашып, ички согуш козголду. Миладиянын 839-жылы Яглакар тайпасынан чыккан Кара Болук Сай түрктөрүнөн аскерий жардам алып, Ай теңиринде кут болмуш күчтүү билге каганга чабуул жасады. Согушта жеңилген каган өзүн өзү өлтүрдү. Кара Болук Яглакар ханзаадасы Кичүү текинди хандык такка отургузду. Бул окуя жүз бергенде, Адыздар тайпасынан чыккан аскерий вазир Кулук Бага Енисей дарыясынын боюндагы кыргыздардын арасына качып барып, аларды көтөрүлүш чыгарууга үндөп, Кичүү текинди кулатууга тукуртту. Абалга караганда, Кулук Бага кыргыздардан жардам алып, Адыздардын каганаттагы бийлик ордун кайра калыбына келтирмекчи болсо керек…

Уйгур-Орхон каганатында жүз берген оор абалдан (ички согуш, табигый апааттан) пайдаланган кыргыздар көтөрүлүш (булар Уйгур-Орхон каганатына багынган хандык болучу) Кара Балгасунга басып кирди. Алар Кара Болук менен Кичүү текинди өлтүрүштү. Кара Балгасундагы кагандын ордосун өрттөдү. Мамлекеттик казынаны талады. Ошентип, күчөп турган илгерки чактарында 221 миң кишилик атчан кошуну бар кудуреттүү Уйгур-Орхон каганаты миладиянын 839-жылы башына түшкөн өтө оор, кайгылуу кысмактардын себебинен кыргыздардын көтөрүлүшүнө туруштук бере алган жок. Натыйжада, Чыгыш Уйгурларынын көп бөлүгү 840-жылы Уйгур-Орхон каганатынын чыгыш аймагы азыркы Монголиядан каганаттын батыш аймагы Орто Азияга көчтү (36–38-б.б.).

Дагы бир мындай ривайет (аңыз, легенда) бар: «Түрктөрдүн ата-бабасы Су (Сакө) деген элден келип чыккан. Бул эл Кундардын түндүгүндө жашаган. Түрк тайпасынын бегинин аты Апабек экен. Алар 17 бир тууган болушкан. Алардын биринин аты Элнисатур экен, бөрүдөн туулган имиш. Апабектердин мүнөзү өзгөчө экен, өтө эле маңыроо имиш. Булардын эли жоюлуптур. Элнисатур өтө сергек келип, акылдуу болгон. Ал шамал чакырып, жаан жаадыра алчу имиш. Ал эки кызга үйлөнөт. Бул кыздардын бири Жаз кудайынын кызы, дагы бири Кыш кудайынын кызы экен. Анын (Элнусатурдун) эки аялынын тең боюна бүтүп, төрт уул төрөйт. Бул уулдарынын бири ак кууга айланып кетиптир. Дагы бир уулдун эли Абакан дарыясы менен Кама дарыясынын аралыгында жашап, аларды кыргыз деп атаган. Дагы бир уулунун эли Ризягил дарыясынын боюна жайгашыптыр. Дагы бир уулунун эли Шенжужи тоосунда жашаган экен. Бул төрт уулдун туңгучу экен. Мына ушул тоодо Апабектин да урпактары бар экен. Эл жерде үшүп кыйналганда туңгуч уул от чыгарып, аларды ысытып, аман сактап калган экен. Алар бул туңгуч уулду урматтап, өздөрүнө кан көтөрүп, Түрк деп наам берген». (Бул текст «Жу солаласынын Түрктөр жөнүндө баян» деген бөлүмүнөн автор тарабынан которулгандыгын эскертет – А. С.) (69–70-б.б.).

Бөрү тотеминде жана бөрү жөнүндөгү аңыздарда кундар, уйгурлар, түрктөр кыргыздардын кандаш бир тууганы экендиги далилденет (78-б.).

…археологиялык фактылардын тышында дагы, Лопнурдан табылган аялдын сөөгү (мындан 6400 жыл мурда көмүлгөн) жана Кумулдан табылган аял сөөгүнүн (мындан 3600 жыл мурда көмүлгөн) кебетеси кыр мурун, сары-кызгылт чачтуу Монголияда жашаган чыгыш уйгурларынын жана Енисей боюнда жашаган кыргыздардын кебетелери менен негизинен окшош чыккан. Чыгыш уйгурларынын чырайы ак, кыр мурун, чачтары кызгылтым түстө болгон. Енисей кыргыздарынын кебетеси да уйгурлардыкынан айырмаланган. (Бул тексттердеги сөздөрдү автор У Яншу деген кытай тарыхчысынын «Жаңы Таң жылнаамасы» деген китебинин «Кыргыздар жөнүндө баян» деген бөлүмүнө таянып жазган. – А. С.) (79-б.).

Кан системасы жана үрп-адаттары жагынан негизинен окшош келген кундар, туралар, улуу яучилер (жоочулар), уйсундар, каңлылар, сактар, түрктөрдүн чыгыштагы монгол насилиндеги элдер менен Орто Азия жана батыш Азияда белгилүү даражада Ариан насилиндеги элдер менен өз ара сиңишип кетишинен түрки тилинде сүйлөшкөн, туугандык жактан бир бирине жакыны көптөгөн түрки элдер келип чыкты. Буларга: Чыгыш Сибирь Лена дарыясынын боюнда жашаган якуттар, Енисей дарыясынын боюнда жашаган кыргыздар, Байкал көлүнүн түштүгүндө жашаган буряттар, тувалар, (кытайдын) Гансу провинциясында жашаган салалар, сары уйгурлар, Шинжиандагы уйгурлар, Батыш Түркстандагы казактар, кыргыздар, өзбектер, башкырттар, татарлар, түркмөндөр, мордовалар, чуваштар, Украинадагы Ага огуздар, Кавказдагы черкестер, Дагстан аталары, азербайжандар, аварлар, Ирандагы азербайжандар, Ирактагы азербайжандар жана Түркиядагы түрктөр кирет… Бул Түрки элдердин басымдуу көпчүлүгү азыр ислам динине (сунни) ишенет. Булардын жалпы жан саны эң аз дегенде 150 миллиондон ашат (86–87-б.б.)

Эми уйгурлар менен кундардын байланышына токтолуп өтөлү. Улуу, кудуреттүү Күн Теңрикуту (Батур, Моту, Маодун) такка отурган мезгилде (б.з.ч. 214–170) Уйгурлардын ата-бабалары жана аларга кандаш бир тууган элдер түзгөн ондогон хандыктар бар эле. Бул хандыктардын кээ бирлери Байкал бойлорунда, Кеңсууда (кытайдын Гансу провинциясында), айрымдары болсо Орто жана Батыш Азияда жашашкан. Булардын ичинен татыктууларынын абалын кыскача түшүндүрө кетүү үчүн кытайдын байыркы тарыхчысы Сыма Чиендин «Тарыхнаама (тарыхый жазмалар), Кундар жөнүндө баян», «Тарыхнаама, Фергана баянынан» жана Бан Гонун «Хан солаласы жылнаамасы, Батыш элдер жөнүндөгү баянынан» материалдар алууга туура келет. Мына ушул булактарга негизденгенде, миладиядан үч кылым мурда Байкал көлүнүн өрөөнүндө Чыгыш уйгур хандыгы, Енисей дарыясынын жогорку агымында кыргыз хандыгы, азыркы Зайсан жана Алтай чөлкөмүндө Огуз хандыгы, азыркы Гансунун (Кытай провинциясы) Хеши королдорунда, виншанын ирсин өрөөнүндө Улуу Жоочулар менен Уйсун хандыгы бар болгон. Орто Азиянын Тарим чөлкөмүндө болсо, Кара шаар, Кучар, Аксуу, Кашкар, Жаркент, Котен, Лолан (Горан) хандыктары болгон. Орто Азиянын батышында болсо Фергана хандыгы, Канлы хандыгы, Батыш Азияда Алан хандыгы бар болучу. Канлы хандыгы азыркы Самаркан тегерегинен тартып Балкаш көлү менен Арал көлдөрүнүн аралында болгон. Аландар мамлекети Каспий деңизинин Чыгыш-Түндүк жагын ээлеп жаткан.

Батур Теңрикут биздин жыл санообуздан 202 жыл мурда Байкал калаасындагы Чыгыш уйгурлар хандыгы менен Енисей дарыясынын жогорку агымындагы Кыргыз хандыгын басып алды (115–116-б.б.).

Төмөнкү текстке эскертүү: Кундардын улуу империясын курган Батур Теңрикут (Маодун Шанйү) жыл санообуздан мурдагы III кылымда эбегейсиз күчөгөн. Коңшу уруулардын баарын өзүнө багындырган. Бирок биздин жыл санообуздан мурдагы I кылымдын орто ченине келгенде бийликке мураскерликти талашып бир туугандар арасындагы кагылышуулар пайда болду. Ханзаадалар (Теңрикуттун тукумдары) ээлеген жерлеринде өздөрүн Теңрикут деп жарыялашып, кундардын улуу империясы бөлүндү боло баштады. Бул абалдан пайдаланган, мурда Кун империясына багынган майда хандыктар (уйгур, кыргыз) өздөрүн жеңил сезип, көз карандысыздыкка умтулса, кун теңрикуттары аларды уучунан чыгарбоого умтулушту. Төмөнкү текстте мына ушул бардыгыбызга сабак болучу кырдаал берилген – (А. С.)

Даңктуу Батур Теңрикуттун чөбүрөлөрүнүн бири Шолой Канкуй Теңрикут (кытайча Шүлүй чан чю шан йү) миладиядан 60 жыл мурда каза болду, кундун бийликтегилери Теңрикуттук так талашып, бир нече жылга созулган кандуу согуштарды жүргүзүштү. Миладиядан мурдагы 60–52-жылдар аралыгындагы 8 жыл ичинде Когушар, Китиуш, Туржу, Огуз, Чили деген ханзаадалар өзүлөрүн Теңрикут деп жарыялашты. Бул аракет «беш Теңрикуттун укук талашуусу» деген ат менен тарыхта калган. Шолой Канкуй Теңрикуттун уулу Кутиуш Теңрикут 50 миң кишилик атчан кошунга таяна отуруп төрт жыл ичинде (56-52) так талашып өздөрүн Теңрикут деп жарыялаган Когуша, Тужу, Огуз, Чилилерди биринин артынан бирин талкалады. Мына ушул ички согушта сансыз жоокерлер өлүп, кундардын элинде кан дарыясы пайда болду. Дөбөлөргө өлүктөр үстүндө оозу канга боёлгон бөрүлөр улуп-уңшуп, жырткыч куштар чырылдашкан өтө үрөйлүү кырдаал бардыкка келди. Согуш болуп өткөн жерлер агарган адам сөөктөрүнө толду. Чарба малдарынын 90 проценти кырылып, элди ачарчылык каптады. Өз ара бир туугандардын согуштарына катышкан 350 миң жоо кердин 300 миңи майданда каза тапты. Кандуу жеңишке жеткен Кутиуш Теңрикут кундардын борбору Үтүгөнгө келип, салтанат менен такка отурду. Өз агасынан жеңилген Когушар Теңрикут эмне кыларын билбей, ордодогу жакындарын чакырып кеңеш курду. Ошондо Элкусай деген вазири хан солаласына (Кытайга) багыналы, алардан жардам алып, Кутиуш Теңрикутту жоюп, кундардын канын ээлейли деген кеңешин берди. Буга каршы болгон вазирлер: «Кундар атка мыкты отурган эл, согушта дүйнөгө даңкы кеткен. Кундар эрдикти урматтайт. Баш ийип бергенди пас көрүшөт. Согуш майданында каза болуу эрдиктин салты. Азыр бир туугандар арасында бийлик талашуу жүз берген болсо да, кундакы бийлик баары бир өздөрүнүн колдорунда турат. Башкалардын колуна кеткен жок» дешти.

(Бирок Когушар Теңрикут Эркусайдын гана демилгесин өткөрдү. Ал миладиядан мурдагы 52-жылы бир нече он миң атчан кошун өзүн пааналаган кундарды ээрчитип улуу Кытай сепилинин түндүгүнө жакындагы өзүнүн уулун Чан анга (Кытай императорунун борборуна) жиберди.

Кутиуш Теңрикут Когушардын чыккынчылык аракетин угуп, катуу каарданат. Когушар Чан Ан шаарына жакындаганда Кытай императору хан Шү Энди кубанганынан атактуу ишмерлери баштаган ондогон миң киши менен борбордун батыш түндүгүндөгү Вейх дарыясынын көпүрөсүндө Когушарды салтанат менен тосуп алды. Кутиушка каршы келишим пайда болду. Мына ушундан пайдаланган Кутиуш миладиядан 49 жыл илгери борбору Үтүгөндү таштап, түндүккө жол тартты. Ал алды менен Чечек (Чөгүчак) тегерегиндеги огуздарды, андан кийин Аскерий бөлүктөрүн толуктап алып, Енисей дарыясынын жогорку агымындагы кыргыздарга жортуул жасап, аларды кайрадан басып алды. Мунун соңунан эле Байкал калаасындагы тураларды багынтты. Кутиуш Теңрикут огуздар, кыргыздар, тураларды багынткандан кийин кыйла күчөп алды. Бул үч кандыктын аскери кошундарынан пайдаланып, уйсундарга чабуулга өттү… (132–134-б.б.).

Миладиянын IV кылымынын аяк ченинде аварлар баш көтөргөн кезде туралар эки тармакка бөлүнгөн 18 тайпадан турган. Алардын 6 тайпадан турган бир тармагындагылар: 1. Кызыл туралар, 2. Уйгурлар, 3. Хугурсу, 4.Жибини, 5. Кыргыздар, 6. Элтекин. Чыгыш тураларынын 12 уруудан турган дагы бир тармагы: 1. Чиполи, 2.Тора, 3.Элжан, 4. Тарлан, 5. Кога, 6. Тарбокан, 7. Айрон, 8. Баян, 9.Эркин, 10. Беркли (Тумактуу), 11. Кыой, 12. Юшупи. Чыгыш туралары мына ушул чоң эки тайпага бөлүнүп жашап турган кезде аварлар-(жужандар) тарых сахнасына чыгышты. Демек, ал кезде Чыгыш Тураларында бирлик жок болгон (160–161-б.б.).

Түрк сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө ар кыл түшүндүрмөлөр бар. Эң негизгиси акылга конумдуусу, дүйнөдөгү бар дык тарыхчылардын нукура көпчүлүгү макул көргөн бир тыянак – түрк сөзүнүн мааниси – кудуреттүү, күчтүү дегенди билдирет, ал эми «көк түрк деген сөз – «илахи (теңир) түрк» деген мааниде. Анткени түрктөр көк асманды эң улуу теңир жай алган орун катары түшүнүшкөн, ошон үчүн «көк» сөзүн «көк» – түс, ирең маанисинде эмес, теңир, кудай маанисинде колдонушкан. Демек, «Көк түрк» – «Илахи (теңир) түрк» дегенди билдирет.

«Түрк» деген наам байыркы кездерде, белгилүү тарыхый шартта, белгилүү жер, аймакта жашаган түрктөрдүн наамында этностук мааниге ээ болгон. Маселен, бул наам миладиядан VI кылым мурда Эдил (Волга), Жайык (Орол) дарыяларынын өрөөндөрүндө жашаган түрктөрдү, кийинчерээк Алтайда жашаган түрктөрдү гана билдиришкен. «Түрк» деген наамды туңгуч ирет Юнан (грек), Урум (Рим) тарыхчылары миладиядан беш кылым илгери эле өз чыгармаларында пайдаланышкан. Юнан (Грек) тарыхчысы Хирадут (Геродот) миладиядан беш кылым илгери түрктөрдү «Юркаий» деп жазган. Урум (Рим) тарыхчысы Филнус Сичиндос (Кичүү Пилиний Секундө) жана миладиянын I кылымында жашаган Фомфиниус (Помпонийө) түрктөрдү «Туркаий» деп жазышкан. Алар жазган түрктөр – Эдил, Жайык өрөөндөрүндө жашаган түрктөр болчу. Кытайдын байыркы жылнаамаларынан «Жу солаласынын жылнаамасында» «Түрк» деген наам Хирадуттан (Геродоттон) 1100 жыл кийин (VII кылымдын баштарында) тилге алынган (177–187-б.б.).

Ошол мезгилде «Түрк атка минсе атасын да унутат!» деген макал бар экен.

Көк Түрк каганаты түзүлгөн VI кылымда «Түрк» деген сөз Алтайда жашаган түрктөрдү гана билдирген этнонимдик маанисин койду. Анткени Түрк каганаты доорунда «Түрк» деген наам түркий тилде сүйлөгөн, насили, үрп-адаты жагынан бири-бирине окшош же жакын уйгур, огуз, кыргыз, кыпчак, чигил, басмил, түргөш, кийинчерээк түрктөшүп кеткен кытандардын (чедандардын, кидандардын) жана башка майда элдердин орток улуттук наамы болуп калды. Ошол мезгилден тартып «түрк» деген наам Түрк каганаты аймагында жашаган бардык элдердин улуттук, саясий бирикмесин түшүндүрүүчү наамга айланды (179-б.).

Түмөн хан, миладиянын 552-жылы февралда Авар (Жужан) каганатын жойгондон кийин өзүн «Элхан» деп жарыялады. Үтүгөндү (байыркы Кундардын борборун) Көк түрк каганатынын борбору кылып белгиледи. Иниси Истэми ханды Ябгу (вазирге тете) даражасында Көк түрк каганатынын батыш тарабын башкарууга ыйгарды. Истэми хандын ордосу Текес дарыясынын боюна жайг ашты.

Түмөн хан 553-жылы өлгөндөн кийин анын чоң уулу Кара хан такка отурду. Бирок Кара хан такта бир жыл отурган соң каза болду. Анын уулу Түмөн хандын ортончу уулу Мукан хан такка отурду… Түрк хандарынын ичинде Мукан хан өзүнүн чечкиндүүлүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, нары эстүүлүгү менен жана аскерий, дипломатия жаатындагы өтө айлакерлиги менен дүйнөгө даңкы кеткен… Мукан ханды «Түрктөрдүн Аттиласы» деш керек. Мукан хан Батур теңрикуттан (Маодун шанйүдөн) жети кылым, Аттиладан беш кылым кийин дүйнөгө келген даңктуу Түрк кол башчысы болду. Мукан хан 554жылы Чыгышка жорук жасап Манжуу, Монгол элинин ата-бабаларын толук багындырып, Көк түрк каганатынын чыгыштагы чегарасын Улуу Океан жээктерине такады, Сахалин аралын, Корея жарым аралынын түндүгүн ээледи. Ал чыгыштан жеңиш менен кайтып келген соң, түн дүккө жортуул жасап, Орхон, Тугла, Селенга дарыяларын ын өрөөндөрүндө, Байкал көлүнүн кылаасында жашаган чыгыш уйгурларын, Енисей дарыясынын жогорку агы мында жашаган кыргыздарды багындырды (182–183-б.б.).

…562-жылы (Көк түрктөрдүн) Ак Кундар (Эфталиттер) менен болгон согушу аяктагандан кийин Түрктөр менен Ирандын ортосундагы достук мамиле (жер чатагынан) бузулуп, эки мамлекет душмандашып калды… Кийин Эстэми ябгу 568-жылы Маниях жетекчилигинде Чыгыш Урум (Византия) императору Юстиан IIнин сарайына (азыркы Стамбулга) элчилер жиберди…

Император Юстиан II Түрк элчилерин өз элине кайтарарда Зимарх жетекчилигиндеги өзүнүн элчилигин да кошуп жиберди…

Истэми ябгу Урум элчилерин Түрк жергесинен узатар кезде, император Юстиан IIге жана Зимарх жетекчилигиндеги 20 элчинин ар бирине өзгөчө кымбат баалуу белектерди берди.

Истэми ябгу Зимархка берген белектерине кошуп Кыргыз аттуу бир сулуу кызды да берген. Текес жайлоосунан жолго чыккан Урумдуктар Туран сулуусун атка мингизип, аны алыстагы Стамбулга ала кеткен.

Эскертүү: Истэми ябгу берген кыздын аты «Кыргыз» эмес, асили ал кыргыздын сулуу кызы болгон. Бул жөнүндө кеңирирээк билүүнү каалагандар 1990-жылы «Кыргызстан» басмасынан чыккан Аман Газиевдин «На берегах яхсарта» аттуу китебиндеги «Посольство Зимарха» деген тарыхый аңгемесин окуп чыгуусун сунуш кылар элем – (А. С.)

…750-жылы Кыргызстандагы Талас дарыясынын жээгинде арабдар менен кытайлардын ортосунда Орто Азияны талашып, өтө кыргындуу согуш болуп өттү. Бул согушта Салих ибни Зияд командалык кылган араб жоокерлери Гао Шензы кол башчылыгындагы кытай аскерлеринин бытчытын чыгарды. Гао Шензы тирүү калган 3000 кишисин алып качып кетти. Талас согушу Таң солаласынын Орто Азиядагы таасирин шыпырып таштады (229-б.).

Кытай мамлекети 750-жылы Талас согушунда Арабдардан жеңилгенден кийин, миладиянын 1757-жылына чейинки өткөн 1000 жылдык убакыт ичинде Орто Азияга өз таасирин жүргүзө алган эмес. (241-бет.)

Ай теңирде кут болмуш кулук билге каган бийлеп турган мезгилде (791–808) Уйгур-Орхон каганаты андан бетер күч алды… Ай теңри хан 200 миң кишиден турган атчан кошунун мобилизациялап, багынбагандардын жана тибеттиктердин үстүнө жорук тартты. Ай теңри хан 810-жылы Енисей дарыясынын жогорку агымында жашаган кыргыздарга чабуул жасады. Кыргыздар мурда Уйгур-Орхон каганатына баш ийген болсо да, кийин мунт чыгарып, өз алдынча көз карандысыз болуп калган. Буга каршы болгон уйгурлар кыргыздарды кайра-кайра багынткан болсо да 790-жылы уйгурлар тибеттиктердин чабуу луна учураганда, кыргыздар кайрадан баш көтөрүп көз карандылыгын жойгон. Ай теңри хан Енисей дарыясынын боюна жетип келгенде каарман кыргыздардын катуу каршылыгына учурады. Бирок Ай теңри хан баатыр кыргыздарды аёосуз бастырды. Кан көп төгүлдү. (279–280-б.б.)

Эзелтен эле уйгур каганатында хандык такка уйгурлардын яглакар уруусунан чыккан хандар отуруп келген. 795-жылы Айчур өлгөндөн кийин андан калган такка яглакар уруусунан эмес, он уйгур урууларынын бири адыздар уруусунан чыккан Кутлук (мурдагы баш вазир) каган болду. Адыздардан такка отурган Хазартекин менен Хутекиндердин мезгилине жеткенде (824 – 839) уйгурдун айрым бектери каган болуу ниетине берилип, бул максатын турмушка ашыруу үчүн уруулук ураандарын чакырып чыгышты. Ошентип, бийликтеги адыздар уруу су менен яглакар уруусунун ортосунда кандуу согуштар келип чыкты. Хазартекин 832-жылы ички согушта каза тапты. Анын ордуна такка отурган Хутекиндин мезгилинде (832 – 839) ички согуш андан бетер күчөдү. 839-жылы Алп Кулук билге каган даражасындагы Хутекиндин вазири Арчун Алп менен Шумартекин биригип, Лутекинди өлтүрмөкчү болушту. Мына ушуга нааразы болгон Кара Булук деген таркан Хутекинге каршы мунт чыгарды. Кара Булук чөл түрктөрүнө кайрылып, алардан жардам сурады. Ошол учурда Чөл түрктөрү Теңир тоолорунун күңгөйүндө жашоочу. Алар Чумул жана Чигил деген эки тайпадан туруучу. Чумүл тайпасы азыркы Үрүмчү шаарынын чыгышынан тартып, Кумул шаарына чейинки өрөөндү ээлешкен. Чигилдер болсо Үрүмчүнүн батышынан тартып Манастын батышына чейинки өрөөндө жашаган. Кытайдын байыркы тарыхчылары булардын жашаган жерлери чөл-талаалардан тургандыктан, аларды «Чөл түрктөрү» деген наам менен жазып калтырышкан. Түрдүү себептер менен кийинки кездерде чигилдер батышка жылып Жети-Суу, Талас өрөөндөрүн мекендеген. Чумулдар 790-жылдар азыркы Жимисар өрөөнүнөн көчүп Гансуу провинциясындагы Увий, Ниңшадагы Линву деген жайларга барып мекендеп, Таң солаласына багынды. Таң солаласы алардын ханына Ли фамилиясын берди. Мына ошол Чөл түрктөр кытайдын Хуанхы жана Чаңжиаң өрөөндөрүнүн айрым аймактарында «Кийинки Таң» деп аталган бир мамлекет курушкан. Бул мамлекет 14 жыл (923 – 936) өкүм сүрүп, акырында кытайларга ассимиляция» болуп кирип кетти.

839-жылы Чөл түрктөрүнүн аскерий жардамына ээ болгон Кара-Булук менен Хутекин ортосунда кыргындуу согуш болуп, жеңилген Хутекин өзүн өзү өлтүрдү. Жеңген Кара Булук дагы эле Адыз уруусунун ханзаадасы Кичүүтекинди хандык такка отургузуп, яглакар уруусунан чыккан айрым текиндерди мырза камоого алды. Кара Булуктун аракетине нааразы болгон аскерий таркан (вазир) Кулук Бага (Яглакар уруусунан) хандык такты тартып алуу ниетине келди. Дал ушул учурда уйгур каганаты аймагында табигый апаат (жут) болду. «Эски Таң жылнаамасынын уйгурлар жөнүндө баян» бабындагы материалд арга таянсак, 839-жылы уйгур каганатынын жайлоолоруна калың кар түшүп, катуу жут башталган. Көп сандагы уй, жылкы жана майда жандыктар тоңуп өлгөн. Анын үстүнө элге чума (обо) дарты жайылып, көп адамдар каза болгон. Айыл чарбасы бүлүнүп, элди ачарчылык каптаган. Эл үй-жайларынан ажырап тентип кетишкен…

Уйгур каганаты мына ушундай оор абалга дуушар болуп турганда яглакар уруусунан чыккан Кулук Бага кыргыздардан жардам алып, кагандык такты адыздардан тартып алуу үчүн 840-жылы Енисей кыргыздарына баш калкалады. Ал каганаттын ички абалын кыргыздын ханына айтып берди. Мындан мурда эле мунт чыгарып көз карандысыз болуп алган кыргыз ханы, Кулук Баганын сунушун макул көрүп, бул жакшы шарттан пайдаланып, уйгур каганатын кулатып, Кара Балгасундагы топтолгон сансыз байлыкты ээлемек болду. Кыргыз ханы 100 миң кишилик атчан жоокерди аттандырып, Апа башчылыгында Кара Балгасунду көздөй жөнөттү. «Эски Таң жылнаамасы. Кыргыздар жөнүндө баян» деген тарыхый маалыматка таянганда, уйгурларга кандаш тууган кыргыздардын тил, жазуусу уйгурлар менен окшош келип, кебете жагынан чачтары кызгылтым, көздөрү көк, чырайлары ак экен.

Эң мурда кыргыздар кундарга, андан кийин түрктөргө жана уйгурларга багынып жашаган. Уйгурларга багынып жашаган Уйгур-Орхон каганаты дооруна көбүнчө багынып жашаган, бирок дайыма мунт чыгарып турган. Акыры 830-жылы өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялашкан. 840-жылы Апа жетекчилигиндеги 100 миң кишилик кыргыз атчандарынын кошуну уйгур каганатынын баш калаасы Кара Балгасунду басып алды. Кыргыздар уйгурдун ханы Кичүүтекин менен Кара Булукту өлтүрүштү. Каганат ордосун өрттөп, күлүн көккө сапырды. Уйгур хандыгынын казынасындагы дүйнө-мүлктү талап алышты. Азиянын тарыхый сахнасында эки кылым бою көтөрүп турган кудуреттүү уйгур каганаты, жогоруда айтылгандай, ички согуш, табигый апаат, чума кесели жана кыргыздардын чабуулу менен ойрону чыкты. Алар кыргыздардын чабуулуна туруштук бере албады. Андан ары чыгыш уйгурларынын көп бөлүгү – Теңир-Тоосунун түндүк, түштүгүнө, дагы бир бөлүгү Кытайдын түндүк өрөөнүндөгү Хыбей, Шанши провинцияларынын түндүгүнө көчө качышты. Чыккынчы Кулу Бага каган болуу ние тине да жете алган жок (284 – 289-б.б.).

Кээ бир легендаларга караганда, (Уйгурлар ишениминде) Маныс аттуу жеңиш теңриси да болгон экен. Буга байланыштуу 840-жылы мунт чыгарып Уйгур-Орхон каганатын ойрон кылган кыргыздар ошол жеңишинин салтанатында өздөрүнүн ханына Маныс титулун ыйгарышкан (328-б.).

Кытандар (Чедандар, Кидандар, Манжулар, Кара кытайлар деп да аталат) байыркы замандарда азыркы Ляониң провинциясында (Кытай манжурия) жашаган эл болучу. Кытайдар Тунгустардын бир бутагы Сианпилерден тараган. Буларга монгол элементтери да аралашкан болушу мүмкүн. Кытандар алгач Кундарга, Сианпилерге, Аварларга (жужандарга), Көк түрк каганатына багынган эле. Кийин Уйгур-Орхон каганатына да багынган.

Кытандар 916-жылы, кытай тарыхчылары Ляо солаласы деп аталган мамлекетти түзүштү. Бул мамлекет (916–1125) күчөгөндө, анын чыгыш чегарасы Улуу Океан жээк терине, түндүгү Байкал өрөөнүндө, батышы Алтайдын чыгышына барып такалган. Кытандар 926-жылы Монголияга басып кирип, ал жерде 80 жыл жашаган кыргыздарды илгерки өзүнүн журтуна кууп салган. Кыргыздар 840-жылы мунт чыгарып, Уйгур-Орхон каганатын кулатып, анын борбору Кара Балгасунду басып алган соң, Енисей боюнан Монголияга көчүшкөн (556 – 557-б.б.).

Эскертүү: Ляо солаласы тарыхый сахнага чыкканда ага кытайлардын чыгыш-түндүк жана түндүк жагындагы аймактары да кирген. Кытандар аскерий жортуулдарына сөзсүз өзүнө багынган кытайлардан, монголдордон да катыштырган. Кыргыздын кытай, манжу, монгол согуштук күчтөрү менен чоң кагылышуусу да, балким, биринчи жолу ушундай башталат. Манаста айтылган «Бакай маңжы-коңтаажы» дегендер Кытандарга гана тиешелүү. Коңтаажы (Хуаңтайжи) манжулардын да XVII кылымдагы ханы болгон менен эл оозундагы ырларда мурдагы манжуларды да элге түшүнүктүү болсун үчүн кийинки элге тааныш хандарынын аты менен айтып өтүшү да мүмкүн. Ал түгүл Жунгар калмактарын да кошкон болсо керек. «Манас эпосунун Миң жылдыгы жөнүндөгү ойго кошулуубузга туу ра келет – (А. С.)

Кытандар XI кылымга келгенде алсырай башташты. 1120-жылы Жүржиттер мунт чыгарып, 1124-жылы Кытандар мамлекетин жойду. Жүржиттерден жеңилген Кытандардын бир бөлүгү ханзаада Йилодашынын жетекчилигинде батыш-түндүккө качып, Енисей дарыясынын боюна барган. Кытандар ал жерде кыргыздардын талоонуна учураган. Акыры, батыш-түштүккө көчө качып, Кара ханилерди пааналаган. (557 – 558-б.б.)

«Эски Таң жылнаамасы. Кыргыздар жөнүндө баян», «Жаңы Таң жылнаамасы. Кыргыздар жөнүндө баян» деген жылнаамаларында баяндалышына караганда, кыргыздар бардык жагынан уйгурларга окшош делинген. Дагы башка тарыхый маалыматтарда, VIII кылымда Енисей кыргыздарынын саны 1 миллион экен да, 100 миң жоокерден турган атчан кошуун болгон. (685-б.)

840-жылы адыздардын ханзаадасы Пантекин өзүнө таандык туугандары менен чыгыш уйгурларынын борбору Кара Балгасун тегерегиндеги тайпа урууларын ээрчитип батышка көчтү. Алар машакаттуу сапарларын улантып, тоо-давандардан ашып бир нече жүз миң элди баштап, миллиондогон чарба малдарын айдап, 841-жылы күздө азыркы Жимисардын чыгышынан тартып Кумул, Баркөл (байыркы түркчө аталышы Барскөл) жайлоолоруна чейинки өрөөндөргө келип токтоду. Аларга тыныгуу керек эле. Анын үстүнө кыш келе жаткандыктан чарба малдарды аман-эсен жазга жеткирүү үчүн от-чөбү мол, жылуу кыштоолорду табууга, кышкы мал азыгын камдап алууга киришүүсү керек эле. Дагы бир жагынан Кара Балгасунду ойрондогон кыргыздар Пантекиндин артынан кууп жетүү коркунучу да турган.

Айткандай эле 842-жылы кыргыздар Пантекин жетекчилигинде батышка көчүп Жимисар, Баркөл өрөөнүнө келип жайгашкан уйгурларга чабуул жасоого бел байлады. Так ошол учурда, Таң солаласынын айрым саясатчылары Пантекинге жардам берип, кыргыздар чабуулун майтарууну ортого койгон, бирок бул сунуш баш вазир Ли Дэййү тарабынан четке кагылган.

Өздөрү үчүн оңдуу учурдан пайдалана билген кыргыздар 842-жылы Теңир тоолорунун түндүк өрөөнүнө басып кирип, Манас, Жанбалык, Үрүмчү шаарын багындырды. Андан ары чыгышка жол тартып, Бешбалыкты басып алды. Мындай кооптуу абалдан чочулаган Пантекин батыш-түштүккө багыт алып, Кумулдан өтүп Карашаар, Кучар райондоруна жетип мекендеди. Карашаар менен Кучар стратегиялык жактан шарты жакшы, Теңир-Тоолору калкалап тургандыктан кыргыздар оңойлук менен чабуулга өтө албас эле. (689-б.)

Уйгур Идикут (Идикут – байыркы уйгур тилинде «бактылуу падыша» деген маанини берет) хандыгынын негиздөөчүсү Пантекин 848-жылы хандык такка отурду. Пантекин каган болгондон кийин, алды менен тибеттиктерди Турпандан айдап чыкты. Андан кийин Бөкөтекин башчылыгындагы уйгур жоокерлери Теңир-Тоолорунун этектериндеги Манас, Үрүмчү, Бешбалык өңдүү жерлердеги кыргыздарды кууп чыкты. (692-б.)

Чыңгышкан… тышка карата чегарасын кеңейтүү согушун жүргүздү. 1207-жылы туңгуч уулу Жожиханды Сибир элдерин багындырууга аттандырды. Жожихан Енисей дарыясынын боюндагы кыргыздарды, Байкал кылаасындагы буряттарды, Алтайда жашаган уйгурларды, Енисей өрөөнүндөгү ойротторду (Уйгур аттарды), Коңураттарды багындырды. (273-б.)

ИМЕЛЬ МОЛДОБАЕВ

КЫРГЫЗДАРДЫН БАЙЫРКЫ ЖАНА ОРТО КЫЛЫМДАРДАГЫ ТАРЫХЫ

Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы элдерден.

Алардын тарыхын кайсы мезгилден тартып эсептөө керек? Бул суроого жооп бериш үчүн эң эле жок дегенде Түштүк Сибирде (Енисей дарыясынын боюнда), Тянь-Шанда жашаган кыргыздардын тарыхына жана мадания тына кайрылуу зарыл. Маселени татаалдаштырган дагы бир көрүнүш, азыркы түрк элдеринин ичинде, атап айтканда, хакастарда, туваларда, алтайлыктарда, сахаларда, башкорттордо ж.б. элдерде кыргыз деген уруунун аты бар болгону. Ошондуктан ушул элдердин тарыхын жана маданиятын да эсепке алууга туура келет.

Кыргыз деген сөз элдин айтуусунда негизинен «Кырк кызга» байланыштуу. Бирок бул, албетте, легенда. Деген менен «Манас» эпосунда 40 уруулуу кыргыз деп аталганы бар. Ошол эле эпосто жана оозеки чыгармачылыкта тогуз, он эки уруулуу эл деп да айтылган саптары бар. Илимий жагынан да бир бүтүмгө келише элек, көбүнчө кырк деген санга байланышт ырылат. Ал эми калмак тилинде кыргыз (хэргес) мыкаачы деген мааниде, саха (якут) тилинде кыргыс деген сөз «жок кылуу», «жексен кылуу», хакастарда «хыргыстын хыргычы» деген туюнтма – «кыргыздын эрдиги» деп түшүндүрүлүштөрү окумуштуулар тарабынан көңүлгө алынууга тийиш. Ошол эле калмактар жана кытайлар XVIII кылымдын жазма булактарында кыргызды бурут деп аташканы белгилүү. Муну «Манас» эпосу бышыктайт.

Кай бир окумуштуулар кыргыз менен хакас сөздөрүн эки башка сөз дешет. Чындыгында, хакас деген термин жок. Бул сөз кытай тилинен Хань династиясынын тексттериндеги цзянь-гунь, тан тексттериндеги сяцзясы, юань доорундагы цзилицзисы деп аталган элдин атынын туура эмес окулушу. Туурасы – «кыргыз» делип окулушун кытай тили боюнча көрүнүктүү адистер аныктаган. «Кыргыз» деп кыргыздар, өздөрүн байыркы түрктөр жана уйгурлар руникалык жазма эстеликтеринде атап кетишкен. Башка тилдерде жаралган жазма булактарда деле «кыргыз» аттуу термин ар кыл варианттар менен жазылганы менен негизинен бирдей эле айтылат. Мисалы, грек тилинде херкис, араб-парсы тилдеринде хыргыз, хыркыр деп жазылыштары илимге белгилүү. Демек, кыргыз деген сөз бардык жазма эстеликтерде бир эле элди туюнткан термин.

Кыргыз элинин тарыхын А.Н.Бернштам биздин замандан 4 миң жыл мурдагы убакыттан баштайт. Бул мезгилдерде келечектеги кыргыз элинин өзөгүн түзгөн ири уруу лардын калыптаныш процесси башталган. Археологиялык эстеликтерге таянганда байыркы кыргыздардын түпкү теги Андрон мадания тынан башталат (биздин заманга чейинки 2 миңинчи жылдар) Андрон маданияты Сибирдеги Ачинскиге жакын жердеги Анд роново кыштагынын атынан коюлган археологиялык мада ният. Андрон маданияты Казакстан, Батыш Сибирь, Түштүк Уралды жердеп турган уруулардын маданияттарынын окшоштугунан коюлган шарттуу ат. Андрон маданиятынын эстеликтери Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Кайыңды, Жайылма, Тегирмен-Сай, Арпа жайлоосунан, Кетмен-Төбөдө Жазыкечүү, Талас өрөөнүндө Ташбашат, Кулансай деген жерлеринен та былган.

Андан кийинки убактарда кыргыздардын бир бөлүгүн түзгөн уруу бирикмелери Тагар маданиятында (б. з. ч. VI–II кк.), кийинчерээк Таштык мадания тында (б. з. ч. I кылым – б. з. I кылымы) өнүгүшкөн. Бул маданияттардын баары Түштүк жана Батыш Сибирде болуп өткөн. Таштык археологиялык эстеликтеринин негизи көрүстөнд өр (мүрзөлөр). Окумуштуулар Тагар, Таштык жана кыргыздардын көрүстөндөрүнүн жана башка эстеликтеринин окшоштуктарын белгилешет. Мына ошол себептен биз байыркы кыргыздардын аталган маданияттарга тиешеси бар экендигин белгилейбиз.

Болжол менен ошол эле Таштык доорунун башында, Тагар маданиятынын аяктап калган мезгилинде, атап айтканда, б. з. ч. 201-ж. кыргыздар кытай жазма булактарына түшүрүлгөн экен. Изилдөөчүл өрдүн далилдери  боюнча кытай жазма булактарындагы гянгундар байыркы кыргыздар болуп саналат. Ошол мезгилдерде байыркы кыргыздар азыркы монгол мамлекетинин түндүк-батышындагы аймактарды жердеп турушкан. Гундар менен түпкү теги бир болгону менен бара-бара алардан бөлүнүп чыгып, өзүнчө бир этникалык топ болуу процесси башталган. Акыры гундарга туруштук бере албай көтөрүлүш чыгарып турушкан. Б.з.ч. III кылымдарда гундар кытайда Сары өзөндөн (Желтая река) түндүгүрөөк жерде туруп, кытай мамлекети менен ынтымакта жашап, тегерегиндеги коңшу элдерге коркунуч туудуруп турушкан.

Болжол менен б. з. ч. III кылымдан – б. з. II кылымдарына чейин байыркы кыргыздар Түндүк-Батыш Монголияны жердеп турган. Буга далил бул аймактагы Хирхис-Нур (Кыргыз-Көл), хиркис аттуу топонимдер жана да кыргыс деген компоненти бар монголдошуп калган майда уруулардын ушул күндөргө чейин келип жеткени. Бара-бара кыргыздар ата-теги аралаш болгон гундардын кысымы менен Енисей дарыясынын башатына жана андан ылдыйыраак Миң-Суу (Минусин) өрөөнүнө ооп келишкен. Кыргыздардын азы раак бөлүгү Монголстанда калган, бара-бара монголдошуп кеткен. Негизги бөлүктөрү Түштүк Сибирге (Азыркы Тува, Хакас Республикалары, Бурятиянын Тункин жана Окин райондоруна, Байкал көлүнүн тегерегинде, азыркы Иркутск областындагы кай бир райондоруна ж.б. жерлерге чейин) тараган.

Ошол эле убакта Орто Азия чөлкөмүндө анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында да иран тилдеринде сүйлөгөн элдер (сактар, усундар ж.б.) жайгашкан. Бирок бара-бара Борбордук Азиядан келген түрк тилинде сүйлөгөн уруулар Тянь-Шандын аймагындагы элдер менен аралаша башташкан. Ошол эле гундар Тянь-Шанга жана Енисейге жортуул жасап турушкан. Орто Азиянын эли б.з.ч. I к. – б.з. V кылымдарында түрктөшө баштаган. А.Н.Бернштамдын ою боюнча кыргыздар (кыргыздарга сиңип кеткен кичине компонент болуу керек – И.М.) Тянь-Шанга гундар, атап айтканда, б.з.ч. 49–47-жж. гунн уруу ларынын Чжи-чжи-Шаньюй башкарган бир бөлүгү менен келген. Ал Талас өрөөнүндөгү Кеңкол көрүстөнүнөн табылган буюмдарды гундардыкы деп аныктаган.

Бирок байыркы кыргыздардын негизги бөлүгү Енисей боюнда динлин аттуу көздөрү көк, чачтары сары, узун бойлуу, антропологиялык жактан европоиддер болгон эл менен аралашып калыптанган. Археологиялык эстеликтер боюнча изилдөөлөргө таянганда Енисейде кыргыздардын маданияты III–IV кылымдан бери белгилүү. Ушул мезгилдерден баштап енисейлик кыргыздар (кийинчер ээк Тянь-Шанда калыптанган кыргыз эли менен бирге) Түштүк Сибирь расалык типке (түрүнө) кирет.

Миңсуу өрөөнүндө VI кылымдарда енисейлик кыргыздардын мамлекеттик уюму (кыргыз каганаты) пайда болгон. Бирок VI кылымдын баштарында кыргыздар Чыгыш Түрк каганатына баш ийип турган деп эсептелинет. Деген менен «VI–VII кылымдардагы кыргыздардын Түрк каганаттары менен болгон мамилелери керектүү деңгээлде изилдене элек. Бирок VII–VIII кылымдарда кыргыздар менен коңшу элдер эсептешип турууга мажбур болгон. Өзгөчө кытай мамлекети да кыргыздар менен мамиле түзүүгө даяр эле. Кыргыздар өздөрүнүн элчилерин кытайга биринчи жолу 648-ж. жиберишкендиктери белгилүү. Бул элчилик кыргыздардын турмушунда мааниси зор болгондугу Бегре коктусундагы байыркы кыргыздардын жазуусу менен далилденгенсип турат. Ошол убакта кыргыздардын коркунучтуу душманы Чыгыш түрк каганаты болгон. Ошол себептенби, же дагы башка себептер болгонбу, айтор, кыргыздар 745-ж. уйгурларга Чыгыш Түрк каганатын талкалаганга катуу жардам беришкен. Ошондуктан биринчи уйгур каганы Моюн-Чур селенга текстинде кыргыздарды Когмен (Саян болуу керек – И.М.) тоосунда жайгашкан күчтүү кол деп белгилеген. Андан соң Чыгыш Түрк каганатынын жеринде пайда болгон уйгур каганаты кыргыздардын өздөрүнө сокку уруп, 758-жылдан баштап аларды кытайга каттатпай коюшкан. Бирок көпкө узабай VIII кылымдын экинчи жарымында кыргыздардын Ажосу өзүн какан деп жарыялап, уйгурлар менен активдүү күрөш баштап кирет.

Ошол мезгилдерде, атап айтканда, VI–IХ кк. Енисейдеги кыргыздардын жайгашкан жерлери төмөндөгүдөй болгон. Чыгыштан Байкөл (Байкал) көлү, Селенга дарыясынын бойлору. Бул жерлерде алар карыкандар (курыкандар) менен карым катнашта болушкан. Байкөл көлүнүн тегерегинде кыргыздар тунгус тилдеринде сүйлөгөн элдер менен да тыгыз байланышта болушкан. Буга далил кыргыз тилиндеги айрым тунгус-манчжур тилдеринен өздөштүрүлгөн сөздөр (Кудайбергенов), байыркы кыргыздардын тунгус-манчжур тилдеринде сүйлөгөн элдер менен карым-катнаштары «Манас» эпосунун лексикасы менен далилденип турат. Түштүктөн кыргыздар Чыгыш Түркстан, ал эми Түштүк-Батыштан карлуктар менен коңшу болуп турушкан. Батыштан алар Жети-Суу жана Тянь-Шань тоолоруна чейинки жерлер менен коңшулаш болгонун кытай кол жазма даректеринен билүүгө болот. Ал эми Түндүктөн Кызыл-Жарга (Красноярск) чейин жетишкен болуу керек.

VI–IХ кк. кыргыздар мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесип кылышкан. Мал чарбачылыкта бодо мал көп болгон. Бирок кой да болгон. Өзгөчө кыргыздардын жылкылары мыкты болгон. Кытай алардын жылкыларына өтө чоң баа беришкен. Мал чарбачылыкта төө да маанилүү роль аткарган. Енисей дарыясынын башатында жашашкан тувалыктар (буларда байыркы кыргыздардын каны бар – И.М.) азыр да төө багышат. Дыйканчылыкта буудай, таруу, арпа, сулу айдашкан. Бозо ошол убакта эле болгон. Археологиялык казуулардын негизинде суу сугарганга жасалган курулуштардын изи, жаргыл чактар, темирден жасалган ороктор ж.б. буюмдар табылган. Кыргыздар мергенчилик жана балык улоону да жакшы өздөшт үргөндөрү археологиялык табылгалар менен далилденип турат. Алар боз үйлөрдө жашаган. Тамак-ашы, негизинен, эт, сүт, кымыз болгону белгилүү.

Коомдук турмушта уруу-урууларга бөлүнгөн. Уруулук коом VI–IX кк. бир канча ыдырай баштаган. Түрктөргө окшоп алар өздөрүнүн жол башчысын какан дебей ажо деп айтышчу. Бек, эр, алп, будун, кул, күң ж.б. социалдык терминдердин колдонулганы ошол кездеги кыргыз коомунун таптык мүнөзүн белгилейт. Кытай жазма даректери боюнча кыргыздарда мамлекеттик аппарат болгон. Алардын структурасы төмөндөгүдөй экен. Мамлекеттин башында ажо, андан кийин алты баскычтан турган «ак сөөктөр». Аларды 7 «министр» башкарган. Жогорку аскер башчылары үчөө болгон, дагы ону аскер иштерин башкарган. Иш башкаруучулары он беш болгон. Согуш демократиялык салттар үстөмдүк кылган. Ар бир кыргыз жоокер болуу керек эле. Кыргыздардын жоокерчилик аскер иши жана согуш куралдары Ю.С.Худяков тарабынан жетиштүү деңгээлде изилденген. Диний көз караштары бакшылык, тотемге ишенүү болгон. Бакшыны «кам» деп аташчу. Азыр да Түштүк Сибирь элдеринде бакшыны кам дешет. Азыркы кыргыздардын илгерки убактарда бакшылык динде болгону «Манас» эпосунан жакшы байкалат. Кыргыздардын бакшылыгы Сибирь элдеринин шамандык көз караштары менен бир башаттан жаралган десек болот. Кийинчерээк кыргыздардын орчундуу бир бөлүгү азыркы Кыргызстандын аймагына келип туруп калганда, бакшылык идеология ислам менен катмарлана баштап, акыры мусулман дини үстөмдүк кылып кеткен.

Енисейлик кыргыздардын саясий жактан күчүнө келип турган мезгили IХ кылымдарга туура келет. Алардын чыңалышы Уйгур каганаты менен такай атаандашып, урушуп туруу менен байланыштуу. Ошол кездерде Уйгур каганаты Монг олия менен Чыгыш Түркстанды ээлеп турган эле. Алардын уруш-талашы 745-жылдары башталган болучу. Негизинен, талашкандары жайыт, мал, кулдар эле. Бирок 820-жылдарга чейин кыргыздарды көбүнчө уйгурлар жеңип келген. Ахвал 820-жылдан кийин өзгөрдү. Кыргыз аскерлеринин башында эр жүрөк уюштургуч жөндөмү күчтүү киши турат (анын аты белгисиз). Уйгуркыргыз мамилелериндеги чечкиндүү бурулуш 840-жыл болду. Уйгурлар бул жылы кыргыздардан сокку жеп жеңилди.

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде кыргыздардын жеңишине Гюлу-Бага аттуу уйгур адамынын 839-ж. Кыргыздар тарабына өтүшү жеңилдик берген. Мүмкүн тарыхтагы бул факты А.Н.Бернштам айткандай «Манас» эпосундагы Алмамбеттин кыргыздар тарабына өткөн мотивинде көркөм формада чагылдырылып калган.

Кыргыздар уйгурларды жеңгенден кийин өздөрүнүн ордосун Монголиядагы Селенга дарыясына жакын алып барат да, Кытай менен элчилик байланышты кайра түзүшөт. Кытай мамлекети да кыргыздардын элчилерин жакшы кабыл алып Бохай (Корея) мамлекетинин өкүлүнөн жогору отургузуп, белек берип, урмат-сый көрсөтүп жөнөткөнү тарыхта белгилүү. Ал тургай Кытай императору кайра жооп катары өзүнүн элчилерин жөнөтүп, кыргыздардын тарыхын жаздырууга, кыргыз башкаруучусунун сүрөтүн тарттырууга буйрук берген экен.

Уйгурлардын бир аз бөлүгү жеңилгенден кийин Амурга кетишкен. Ал жерде 841-ж. кыргыздар менен кайра согушкан. Бирок уйгурлар бул жерде аздык кылгандыктан Амур дарыясынын башында жашашкан, Шивей уруул арынын арасында баш калкалоого дуушар болушкан. Бул кагылышууларда кыргыздарга Кытай жардам берген, анткени алар шивейлерден уйгурлардын жетекчиси ЭнанТегинди үй-бүлөсү менен колго салып берүүнү талап кылышкан. Аны билип калып Энан-Тегин үй-бүлөсүн алып 9 аскер башчылары менен батыш тарапты көздөй качат. Ал эми калган уйгурларды шивейлер өздөрү бөлүп алышкан. Бирок бул көрүнүш кыргыздарды канааттандырбай алардын Або аттуу аскер башчысы 70 миң аскер менен 847-ж. шивейлерге кол салат. Уйгурларды шивейлерден тартып алып, кыргыздар Гоби чөлүнүн түндүк жагына кайтып келишет. Бул маалыматтар «Манас» эпосунун билдирүүлөрү менен да бышыкталып турат. Эпосто Амур, Гөбү-Шаму чөлү жана башка топонимдер эскертилет.

Шибээлер тууралуу да маалымат аз эмес.

Кыргыз ханы Кытайда жана Маньчжурияда да активдүү болгон. Маньчжурияга кыргыздар 843-ж. уйгурлардын артынан түшүп жүргөндө барышы мүмкүн эле. Бирок кытайлардын ошол кездеги императору Уцзун 846-ж. дүйнөдөн кайткандан кийин кытайлар кыргыздарды көп урматтабай калышкан. Ал эми 847-ж. кыргыз каганы өлгөндө кытайлар кийинки каганга наамды төмөнүрөөк беришкен. Ушул мезгилден баштап кыргыздардын Кытай менен болгон мамилелери начарлай баштайт. Кыргыздардын күчү жалпы эле Борбордук Азияда төмөндөй баштаган. Буга уйгурлардын кайра жанданышы да себеп болду. Уйгурлар 874-ж. Чыгыш Түркстандын кай бир шаарларын каратып алып, алардын жетекчилери Кытайдын императорунан хан деген наамды ала башташат. Ал эми 924-ж. кара кытайлар (кидандар) Монголияны басып алганда кыргыздардын саясий тагдыры чечилип калат. «Манас» эпосундагы кыргыздардын Алоо ке дегенден азап чегип турганда:

«Алымына чыдабай,

Бирөө тентип Алтайга,

Бирөө тентип Каңгайга, Бирөө тентип Эреңге Бирөө түшүп кетти тереңге.

Кең кашкардын ар жагы,

Кебез тоонун бер жагы,

Бирөө ошол жерди жай кылды,

Таман тиреп туралбай,

Тизгин, чылбыр жыя албай

Курган журт бет-бетинен каңгыды» –

деп ар тарапка чачыратылып жиберилиши дал ушул X кылымга туура келиши ыктымал. Тарыхый булактардан жана да эпостон көрүнүп тургандай X кылымда кыргыздардын ар тарапка чачыратылышынын бир себеби Кара Кытайлардын Борбордук Азиядагы аренага чыгышы болгон. Ошондуктан кыргыздардын азыркы территориясында пайда болушу Б.Юнусалиев айтып кеткендей кара кытайлардын Орто Азияга жасаган жортуулдарына байланыштуу болушу мүмкүн. Бул жагдай алардын IХ кылымдардын аягында (А.Н.Бернштам) келе башташын четке какпайт.

Кара кытайлар 947-ж. кытайлардын Тан династиясынын күчүнөн кетип баратканынан пайдаланып, өздөрүнүн Ляо мамлекетин жарыялашкан. Алар кыргыздардан алман (налог) алып турушкан. Ошол убактарда кыргыздар алсырап, кай бир уруулары Кашкардын түндүгүнө жана Памирдин түндүк-чыгышына кетишкен. Бирок 1124-ж. Ляо мамлекети кулап, алардын жетекчиси Елюй Даши кыргыздар жашаган жерлерге качкан да, Енисейдеги журтту тоноп кирген. Кыргыздар каршылык көрсөтүп Елюй Дашини Эмил суусунун боюна чегинүүгө дуушар кылышкан.

Ал эми Тянь-Шанда жана Жети-Сууда 766-ж. баштап карлуктар үстөмдүк кыла баштайт. Алар түргештердеги хандын ордосу болгон Суяб шаарын басып алышат. Ошол мезгилдерде Орто Азияда араб баскынчылардын ордуна Саманиддер династиясы бийликке келген эле. Бул маалдарда Орто Азияда, ошондой эле Талас, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө шаарлар курула баштайт. Карлуктардын кай бир бөлүктөрү отурукташа баштаганы менен, негизинен көчмөндөр болгон карлуктар Чүй өрөөнүн жердеп турушкан, Ысык-Көлдө жикилдер, Ысык-Көлдүн күңгөйүндө жана Чүй өрөөнүндө Түргөштөр (тюргеши) турушкан. Түргөштөр өздөрү тухси жана аздар (азы) болуп экиге бөлүнүшкөн. Тянь-Шандын түштүгүндө жана Чыгыш Түркстанда ягма деген көчмөн уруу жайгашкан. Кыргыздар мына ушул аталган элдердин арасында конупкөчүп жүрүшкөн. Карлуктардын бийлиги 766-жылдан 946-жылга чейин созулган.

940-ж. бийлик Карахандарга өтөт. Алардын алгачкы мамлекет башкаруучулары ягма уруусунан чыгышкан. Бограхан, андан кийин Карахан деген титулдарды колдонушкан. Караханийлер деп ошол хандык наамдан аталып калган. Караханийлер 940-ж. тушунда Баласагун шаарын басып алып, Жети-Сууда үстөмдүк кыла башташкан. Андан соң Караханийлер бүткүл Мавераннахрды (ошол кезде Мавераннахр деп, негизинен, Орто Азияны айтышчу – И.М.). Караханийлердин алгачкы башкаруучуларынын бири Сатук-Богра-Карахан 955–956-жж. исламды кабыл алган. Анткени менен башка байыркы диний көз караштарга тыюу салган эмес. Караханийлердин убагында шаар куруу жогорку деңгээлге жеткен.

Архитектура, кол өнөрчүлүк, устачылык, зергерчилик өнүккөн. Караханийлер доорунда Жусуп Баласагунинин түрк тилиндеги биринчи чыгармасы «Кутадгу билик» (1069–1070) жарык көргөн. Ошол эле кездерде Махмуд Кашгари биринчи түрк сөздүгүн («Дивани-лугат ат түрк» (1072–1077-жж.) жазган. Караханийлердин убагында Кыргызстан чоң маданий ийгиликтерге жетишкен. Албетте, кыргыздар да Караханийлер менен этномаданий байланышта болушкан (Ө.Караев). Деген менен Караханийлердин тушундагы кыргыздардын тарыхы алигүнчө начар изилденген десек жаңылыштык болбос. Бул иште «Манас» эпосунун материалдары да көмөкчү болмок. Анткени эпостогу Манастын санжырасында (эпикалык мазмунда болгон күндө да) Карахан бар эмеспи.

Бирок Караханийлердин да бийлигин 1128-ж. жогоруда айтылган кара кытайлардын төрөсү Елюй Даши кулаткан да, өзүн «гур-хан» (теңирдин уулу) деп жарыялаган. «Манастагы» эпикалык Жолой Елюй Даши деп жоромолдонушу (Б.Солто ноев) чындыкка жакын. Елюй Даши Енисейдеги кыргыздарды Анкара дарыясына чей ин кууган. Кытай кол жазмалары боюнча кыргыздардын бул бөлүгү кийинчерээк Сибирь татарлары менен аралашып, Сибирь хандыгына негиз салышкан. Кыргыздардын орчундуу бир бөлүгү азыркы жайгашкан жерлерине ошол кара кытайлардын кысымы менен келиши мүмкүн. Ошондуктан кай бир окумуштуу «Манас» изил дөө чүлөр эпостун жаралыш мезгилин ошол доорго ыйг а рат (Б.Юнусалиев, И.Молдобаев).

Кара кытайлар Енисей боюндагы кыргыздарды багын дыра алышпаган. Ал эмес Эмил дарыясынын боюна келип жа шоо го мажбур болушкан (Караханийлердин уруксаты боюнча). Ошол маалда Елюй Даши Чүй өрөөнүндөгү Баласагун шаарынын бийинин сунушу боюнча карлуктар менен каңгылардын (канглы) көтөрүлүшүн басканга макул болот. Каңгылар «Манаста» да кездешет эмеспи. Бирок ал учурдан пайдаланып, Караханийлердин башкаруучусун тактан түшүрүп, Ляонун батыш Кара кытайлар империясын жарыялашат. Борбору Баласагун болот. Кара кытайлар будда дининин андан мурдараак эле кабыл алышкан эле. Чүй өрөөнүндө, мисалы, Красная Речка шаар урандысынан ж.б. жерлерде Будданын эстеликтери табылганы буга ачык күбө. «Арашан» курортунун территориясында ташка тартылган будданын сүрөтү азыр да сакталып турат. Будда жөнүндөгү маалыматтар (Булта формасында) «Манас» эпосунан да орун алганын белгилей кетели. Кийинчерээк кара кытайлар бүткүл Орто Азияны каратып алышкан. 1171-ж. Самарканддын жанында Сельджуктардын башкаруучусу Санжар Султанга катуу сокку урушкан. Кара кытайлардын турак жайлары, карапа, мастерскою, көрүстөндөрү Чүй өрөөнүндөгү Александровка айлынын жанында табылган (А.Б.Бернштам).

Кара кытайлардын биринчи гурханы өлгөндөн ки йин алардын башкаруучулары аялдар болгон. Ошол маалдарда кара кытайлар Хорасан, Мерв, Хорезм мамлекеттеринин иштерине, алардын өз ара күрөшүнө кийлигишебиз деп, өз ахвалдарын начарлата баштайт. Буга себептердин бири 1204-ж. Хорезмд ин тагына Мухамед аттуу жөндөмдүү адамдын келиши эле. Ушул маалдарда Кара кытайларга каршы Батыш Монголияны жайлаган наймандар Кучлуктун жетектөөчүсү менен Орто Азияга келишет. Кучлук 1209-ж. Өзгөндү басып алат. Ал эми 1210-ж. Кара кытайлардын гурханына өзүнүн эле жоокерлери кол салаарда жардам көрсөтөт. Бирок чыныгы бийлик Кучлук тарапта болуп калат. Жети-Сууда жайгашып алып Кучлук 1218-ж. чейин тегерегиндеги аймакты титиретип турган. Ага каршы тура турган күч монголдор эле. 1211-ж. Монголдор баштаган аракеттер 1218-ж. Жебе ноён жетектеген колдун Кучлукту кармап Сары Көлдө өлтүргөнү менен бүтөт. Кара кытайлардын гурханы 1220-ж. өлгөн. Ошентип, Орто Азияда кара кытайлардын жана найман уруусунан чыккан Кучлуктун үстөмдүгү кулаган.

Деген менен ХI–ХIII кылымдарда жазылган жазма булактарда кыргыздар тууралуу маалымат жокко эсе. Демек, ушул мезгилдеги кыргыздардын толугураак тарыхы өзүнүн изилдөөсүн күтүп турат. Ал тургай ХI–ХII кылымдардын ортосунда кыргыздар Тянь-Шанда болгонбу же болбогонбу деп, окумуштуулардын ортосунда да бир бүтүн ой алигиче жок. Бирок биздин оюбузча, бул мезгилдерде кыргыздардын составына кирген ири уруулардын бөлүктөрү Орто Азия чөлкөмүндө жашап калган. Буга жакшы күбө болгон XII кылымда болуп өткөн азыркы Кыргызстандын территориясындагы окуялар. Жогоруда көрсөтүлгөндөй XI кылымдардан тартып, бул жерде Кара кытайлар, XII кылымдардын аягы, XIII кылымдардын башында наймандар болгон экен. Найман менен кытай уруулары кыргыз элинин составына киргени белгилүү эмеспи. Ал эми кытай уруусунун ичинде Кара кытай деген майда уруунун болушу бул ойду бышыктап тургансыйт. Кара Кытай аттуу уруу кыргыздардан тышкары башкорттордо гана бар. Демек, ХI–ХIII кылымдарда Орто Азияга кыргыздар келе элек деп айтыш өөн болгонсуп турат. Кеп бул мезгилдин тарыхын изилдеште болуп турат. Буга азыноолак болсо да «Манас» эпосунун материалд ары бир топ көмөк берчүдөй. Анткени эпосто кытай, кара кытай, найман ж.б. уруулар же эддер жөнүндө көркөм формада болсо да кеңири маалымат берилген.

Ошентип XIII кылымдын башында кыргыз этносу жазма, фольклор булактар жана археологиялык эстеликтер боюнча Енисей боюнда (Азыркы Тува, Хакасия) да, Тянь-Шанда жайгашып калган кез. Бул мезгилде Борбордук Азиянын мейкиндигине монголдор чыга башташкан. Алардын кыргыздар менен болгон мамилелери XIII кылымдын башында эле башталган. Алгачкы ирет Чынгысхан кыргыздар менен 1207-ж. кездешкен. Бул жылы Енисейлик кыргыздар монголдорго өз ыктыяры менен баш ийип бергендери тарыхта жазма булактардан белгилүү. Кыргыздардын багынып бериши аргасыздан эле. Бул ой менин Тувадан чогулткан этнографиялык жана оозеки материалдар менен бышыкталгансып турат. Мисалы, Туванын Баянталаа айлынан чогулткан маалымат боюнча кыргыздардын ханы Чынгысхан өзү багынып бергенинин себеби, андан мурунур аак далы күйгүзүп төлгө салыптыр. Төлгө боюнча акыркы кыргыздар жеңилмек экен. Баянталаадан 40–50 чакырымдай жерде байыркы шаардын урандысы да бар экен. Аны тува тилинде шибе деп коёт. Бул шаар (археологиялык тил менен айтканда городище) акыркы кыргыз ханынын чеби болгон – деп сөзүн бүтүрдү биздин Тувалык информаторубуз.

Кыргыздардын монголдорго аргасыз баш ийгени андан кийинки окуялардан кийин деле билинди. Арадан 11 жыл өтүп, 1218-ж. Байкөл (Байкал) көлүнүн жээгинде жайгашкан тумат уруусу монголдорго каршы көтөрүлүш чыгарышкан. Ошондо монголдор кыргыздардан жоокер сураган. Кыргыздар жардам бергенден баш тартышкан. Алардын мындай кылышы туматтарга, албетте, жөлөк болгон. Туматтардын уюткусу кийинчерээк саха (якут) элинин ичине сиңип кеткен. Алардын бир кичине бөлүгү кыргыз элинин ичинде да бар (кара тума, ак тума деген майда уруулар). Чынгысхан ошондо кыргыздарды тартипке келтириш үчүн өзүнүн уулу Жучу ханды жиберген.

Жучу кыргыздарды каратып келген.

Ушу жерден бир фактыга токтоло кетели. Тянь-Шандык кыргыздарда ушул күнгө чейин келип жеткен «Кет Буканын Жучу хандын өлгөнү тууралуу Чынгысханга кабарлашы» же болбосо Ч.Валиханов кыргыздардын арасынан XIX кылымдын ортосунда жазып алган «Аксак кулан, Жучу хан» аттуу легенда бар. Азыркы кыргыз музыкалык фольклорундагы «Кет Буканын күүсү» деген күү да бизге ошол замандан жеткен көрүнөт. Бул уламышка көңүл буруп жатканыбыздын себеби мындайча. К.Кебекова бул уламыштын казак, ногой версияларын келтирип, өзүнүн «Казак-кыргыз фольклордук байланыштары» аттуу китебинде жетишээрлик деңгээлде изилдеген. Ошондуктан легенданын фольклордук жагдайларына толук токтолуштун мага кажети жок. Бирок уламыштын тарых менен түздөн-түз байланышы бар экенин белгилеп, кай бир жерлерин тактап, толуктап кетким келет.

Уламыш боюнча Чынгысхаңдын уулу Жучуну кыргыздар хандыкка сурайт. Жучуну жан-жөкөрлөрү менен жөнөтүшөт, келе жатканда аны кулан тепсеп өлтүрөт. (Анын өлүмү башкача сүрөттөлгөн да варианттар бар) Муну Чынгысханга эч ким даап кабар бере албай жатканда Бука ырчы ыр менен табышмак түрүндө айтып угузуп, өлүмдөн аман калат. Чынгыс өзү деле ошол окуядан 6 айдан кийин өлгөн экен. Легенда казактарда жана ногойлордо да кездешет. Бул оозеки чыгарма болжол менен XV кылымда жазылган «Шаджарат ал-атрак» (Түрктөрдүн ата-теги») аттуу кол жазмадан да орун алган. Ошол себептен уламыштын тарыхый тамырларын талдоо талапка ылайык болуп олтурат.

Б.Кебекова белгилеп кеткендей уламыш «Дешти кыпчак» талааларында же, тагыраак айтканда, азыркы Кыргызстандын жергесине жакын жерлерде жаралышы ыктымал. Буга бир тарыхый далил Жучуга берилген жерлердин «Дешти кыпчактын» талааларына чейин жеткени. Ал эми кыргыздар болсо Жучуга бөлүнүп берилген эле. Уламыштар боюнча Жучу кыргыздардын биринчи жа на акыркы ханы болгон имиш (Ч.Валиханов. т.2,48-б.). Жучуну кулан тепсеп өлгөн деп айтылышынын да чындык жагы бар. Рашид ад-Дин ж.б. Орто кылымдардагы авторлордун эмгектеринде Чынгыстын жана анын уулдарынын, өзгөчө Жучуну куландарга аңчылык кылууну жакшы көргөндүктөрү баса көрсөтүлгөн. Мына ушул себептен биз В.В.Бартольддун «Поэтический рассказ о том как Чингис хану было передано известие о смерти его сына, конечно не имеет исторического значения» (В.В.Бартольд. Соч. т.1, с. 56.) – деп жазган оюна кошула албайбыз.

Уламыштын Тянь-Шань кыргыздарында жана казак менен ногойду эсепке алганда, «Дешти кыпчакта» өнүгүп, чыгарма болуп калыптанышы законченемдүү көрүнүш. Анткени Жучунун бийлик кылуучу территориясы кеңейген. Бирок легенданын башаты Тянь-Шанда эмес, Енисей дарыясынын башында башталган деген ойду айткым келет. Легенданын мазмунуна 1218-ж. окуялардын кирип калышы ыктымал. Ал эми ал окуялар Кэм-Кемжиутта, башкача айтканда, Енисей дарыясынын баш чендеринде (Азыркы Тува республикасына дал келет) болгон. Ошол жылы Рашид-ад-диндин жазганы боюнча Жучу тоңуп калган Кэм-Кемжиут дарыясы менен өтүп, кыргыздарды (Туматтарга жөлөк болгондуктары үчүн) баш ийдирип келген. Бирок Жучу өзүнөн мурун Бука аттуу аскер башчысын жиберген экен. Ал эми андан мурдагы 1207-ж. кыргыздар монголдорго алгачкы ирет баш ийип бергенде,

Иртыш, Тобол жана Кешим дарыяларынын ортолорундагы жерлерди Чынгысхан кыргыздардын жол башчысы Тай Бука дегенге берген экен.

Бука аттуу тарыхый адамдардын аттарынын тизмесин улантсак, болжол менен ошол эле убактарда Чынгысхандын небереси Хулагунун аскер башчысы жана эмири болгон. Ал 1200-жылдарда каза тапкан (Жучу өлгөндөн 33 жылдан кийин). Мында бизге кызыктуу жагдайы Рашидад-дин өзүнүн чыгармасында найман уруусунан чыкан Кет бука ноён деп атайт. Кет Бука, Кет Бука формасында деле айтылат. Эске салып коёлу: Кет Бука тууралуу кыргыздардын уламышынын бир вариантында Бука ырчы жана комузчу болгонунан тышкары, Жучунун 40 жигитинин бири же монголчо ноёндорунун бири болгон.

Дагы бир далил: Кет Бука найман уруусунан делип айтылган. Бул уламыштын ногойлордогу версиясында Кет Бука найманлы деп аталат. Ал тургай Кет Бука найманлынын ысымы XVI кылымда жашаган ногой акыны Досманбет Азаулунун чыгармасында да кездешет.

Мына ушул көрсөтүлгөн фактыларга таянып Кет Бука уламышы тарыхый окуялардын негизинде жаралган деп айта алабыз. Легенданын башаты Енисей дарыясынын баш чендеринен башталып, Тянь-Шанда жана коңшулаш монголдорго кароочу территорияда өнүгүп-өрчүгөн. Буга далил уламыштын казак жана Түндүк Кавказды жердеген ногойлордогу версиялары. Ал эми ногой версиясы жазма түрүндө XVI кылымдан бери келгендиктен мында маалымат тагыраак бойдон калган. Экинчиден бул факты XIII кылымда кыргыздар же болбосо кийинчерээк кыргыздын составына кирген уруулардын Енисейди, Тянь-Шанды ж.б. жерлерди (мисалы, Волга, Уралды, Крымды) жердеп туш-тушка тарап кеткенин далилдеп тургансыйт. Кет Бука наймандан болуп чыкса, дал ошол фактынын негизинде легенда 3 элде тең айтылып калганы законченемдүү көрүнүш. Анткени кийинчерээк наймандар кыргыздардын казактардын, ногойлордун, башкача айтканда, ошол Кет Бука жөнүндө легендасы бар элдердин ичине сиңип кеткени тарыхый факт экени белгилүү эмеспи.

Ошентип XIII кылымдан тартып, кыргыздар бир канча убакыт монголдордун эзүүсүндө калган. Азыркы Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгү Чагатайга караган. Бирок Енисейлик кыргыздар, кийинчерээк Тянь-Шань кыргыздарынын бир бөлүгү Жучуга караган болуу керек. Ошол себептен Жучуга байланыштуу уламыштар тараган да. Бирок белгилеп кетчү нерсе тарых илиминде Жучунун кайсы жерлерди башкарып турганы алигүнчө так эмес. Жучу өлгөндөн кийин анын улусунда күрөш күчөйт. Кыргыздар колдон-колго өтүп бирде баш ийсе, бирде баш ийбей акыры ушул азыр турган жерлерди пааналап калышкан. Кыргыздар тууралуу XV–XVI кылымдарга чейин жазма булактардын маалыматтары жокко эсе. Менин оюмча, кыргыздардын тарыхы XIII кылымдын ортосунда Жучунун уулу Батый уюштурган «Алтын ордо» мамлекетинин жана да ал ыдыраганда ордуна пайда болгон, Ак Ордо, Көк Ордо, Боз Ордо, Ногой ордосу, ошондой эле Крым, Казак, Сибирь ж.б. хандыктарынын ортосундагы окуялардан издесе болчудай.

Тарыхый булактар боюнча 1263–64-жж. кыргыздар башка уруулар менен биригип, Хубилайдын колуна кошулуп, Арык Бука менен Алгуйга каршы согушкан (Д.Оссон. История монголов гл. 51) «Манас» эпосундагы эпикалык душман Алооке тарыхый Алгуй болушу мүмкүн. Монголдордун Алгую Чагатайдын небереси экени тарыхта белгилүү. Монголдордун бийлик үчүн күрөшү XIV кылымдын орто жерине чейин созулган. Негизинен, күрөш Талас менен Иртыш дарыяларынын ортосунда мейкиндиктерде өтөт. Ошол кагылышуулар кыргыздарды да жүдөтүп, экономикасынын начарлашына алып келген. Жети-Суу чөлкөмүндө XIV кылымдын жарымынан баштап, бийлик түрк эмирлерине өтөт. Кыргыздардын айрым бөлүктөрү жогоруда айтылгандай «Алтын Ордо» ж.б. хандыктардын элдери менен тарыхый жана маданий байланышта болушуп, Крым, Волга, Уралга чейин жетишкен. Бул тууралуу «Толубай сынчы», «Жээр енче чечен», «Асан Кайгы» аттуу оозеки чыгармалардын жаралышы күбө болуп турат.

Көп жылдарга созулган Хайду менен Хубилайдын ортосундагы согуштарда кыргыздар алсырап калган. Ошол согуштун негизинде Хубилай тарапта согушкан кыргыздардын бир бөлүгү ХIII кылымдардын аягында Хубилайдын ички аймактарына: Каракорумга, Шаньдунга, Чжаоч жоуга көчүрүлгөн. Бир бөлүгү Хайдунун карамагында Алтай Каңгай, Тянь-Шанда турган. Юань империясы кулагандан кийин монголдор өздөрү бытырай баштайт. Ошол мезгилдерде кыргыз урууларынын биригүүсүнө шарт ыңгайлуу болгонсуйт. XIV к. аягында ойрот урууларын бириктирип аларды башкарган Угэчи кашка (Гуйличи, Мэнкэ Тэмур) болгон. Т.Бейшеналиевдин жазганы боюнча Угэчи кашка кыргыздардын башкаруучусу болгон. Ал Юань деген династиянын атын жоюп «Дадань» (Татар) деп атаган имиш. Угэчи кашка өлгөндөн кийин анын уулу Эсэху бийликке келип, ойрот союзун башкарган. Ойрот союзу: элуфэ, бахатутэ, хойт, кыргыз деп, 4 бөлүктөн турган экен.

Т.Бейшеналиевдин жазганы боюнча кыргыздар ойрот менен Монголияда 1399–1425-жж. үстөмдүк кылган. Алар Хами оазисин контролдоп турган. Анткени Хами негизги соода жолдорунун кесилишинде эле. Ошол эле мезгилдерде кыргыздар Бешбалыктын башкаруучулары менен согушуп турушкан. Ойроттордун отряддары менен биргелешип, кыргыздар Ысык-Ккөлгө жана Батыш Тянь-Шанга келип турушкан. Бирок кыргыздардын кай бир бөлүгү биз жогоруда айтып кеткендей андан мурдагы мезгилдерде эле келген болуу керек. Эмнеси болсо да кытай жазма булактарында 1430-ж. кыргыздардын 2 бөлүгүнүн бири Енисей – Иртыш дарыяларынын ортосунда, экинчис и Алтай Хангай тоолорунда (Ойрот союзунун ичинде) Кыргыз деп аталган Чыгыш Түркстандын жеринде турган деп белгиленет. Аларды Бебер аттуу адам башкарып турган экен.

Кыргыздардын бөлүнүп-бөлүнүп кетиши алардын ойрот союзунда баркы төмөндөй түшкөнгө алып келет. Деген менен кыргыздардын башкаруучусу Абабарци (Кытайдан орусчага котормосу – И.М.) миң династиясында Чинсанг деген наамды алып, чорос уруусунан чыккан Тогондон жана хойт уруусунун башчысы Энькэден жогору болгон.

Тогон өлгөндөн кийин кыргыздар башка ойрот жана монгол уруулары менен бирге Эсен ханга баш ийип калышкан. Эсен хан күчтүү көчмөн мамлекетти уюштурган. Ойрот армиясынын составында кыргыздардын отряды XV к. 40-жылдарында Пекинге жасалган жортуулга катышышат. Бул салгылашууда кытайлар жеңилип император И-Цзун туткундалат. Изилдөөчүлөрдүн айтуусуңда ошол мезгилдер ойроттордун күчүнө кирип турган мезгили болгон.

Бирок Эсен хан өлгөндөн кийин (1459-ж.) хан тактысына күрөш башталып, акыры 1399–1468-жж. бийлик кылып келген ойрот союзунун талкаланышы менен бүтөт. Монголдордон качкан ойроттор Хаминин түштүк-батыш тарабына келип корголошкон. Ал эми Абабарци башкарган 50 миң чамасындагы кыргыздар Чыгыш ТяньШанга жана Хами менен Баркөлдүн тоо луу жерлерине көчүп келишет. Албетте, ойроттордун союзу убагындагы кыргыздардын тарыхы жетишээрлик деңгээлде изилдене элек. Бирок ойрот деген сөздүн «Манас» эпосунда баса көрсөтүлгөнү жана Баркөл деген топонимдин да эпосто кыргыздар басып өткөн жер катары (Борбордук Азиядагы андан башка географиялык аттар менен бирге) көрсөтүлгөнү буга далил боло алчудай.

Ошол эле мезгилдерде, атап айтканда, 1348-ж. дулат уруусунан чыккан Пуладчы Могулистан мамлекетин уюштурган да, бийликти Туглук-Тимурга (1343–1362) берген. Моголистанга Чыгыш Түркстандын бир бөлүгү (Кашкардан Кучарга чейин), Жети-Суунун Ысык-Көлдүн түштүк тарабы кирген. Туглук Тимурдун убагында анын аймагы бир топ кеңейип, Иртыш, Эмилден Тянь-Шанга, Баркөлдөн Фергана менен Балхашка чейинки жерлерди кучагына алган. Тянь-Шандык кыргыздар да Могулистандын составында болуп калган жана алар «Тарихи Рашиди» боюнча Моголстандын журтунун үчтөн бир бөлүгүн түзгөн.

Туглук Тимур өлгөн соң (1362) Моголстанда так талашуу башталып, мындан түрк Тимур (Темир) пайдаланат да Мавереннахр бийликке келет. Анын Жети-Сууга болгон казаттары (походдору) 1370–71-жж. башталган. Ошондо ал Кочкорго чейин жеткен. Темирдин же Аксак Темирдин убагында бир топ шаарлар оңдолуп салынган. Мисалы,

А.Н.Бернштамдын жазганы боюнча Таластагы Капка капчыгайдын оозундагы (Талас дарыясынын сол жээгинде) Шельджи шаары, азыркы Чалдывардын жанындагы Ашпара шаары ж.б. майда шаарчалар Темирдин убагында оңдолгон имиш. Ошол эле XIV кылымда бизге чейин келип жеткен Манастын күмбөзү аттуу Кенизек Катун коюлган мавзолей курулган. 1375-ж. Темир Сайрамдан чыгып, Иленин бир куймасы болгон Чарык суусуна жетип, андагы уруу ларды багындырып, Кастек бели аркылуу Ат-Башыга келген. Мына ал А.Н.Бернштамдын айтканы боюнча байыркы шаарды оңдогон соң (азыркы Кошой-Коргондун урандысы), Яссы белинен өтүп, Өзгөнгө келген. Бирок жазма булактарда бул тууралуу так маалымат жок.

Тимурдун 1376-ж. Хорезмге жасаган казатынан пайдаланып, Могулистандын ошол мезгилдеги ханы Камар ад-дин (Пулатчынын бир тууганы) Ферганага кирип келет. Бирок Темирдин казаттан кайтып келгенин билип калып, Ат-Башыга чегинет. Кийинчерээк 1377-жылдан 1390-жылдарга чейин Темир Камар ад-динди бир топ жолу талкалаган. Камар ад-диндин артынан түшүп жүрүп Темир Ысык-Көлдө, Иртышта, Аягөздө, Кара шаарда, Көк-Дөбө тоолорунда, Балхашта Иле менен Каратал сууларынын боюнда Алтайга чейин жеткен Камар ад-диндин күчүнүн начарлашына дагы бир себеп бар эле. Ошол мезгилде тоонун арасында тарбияланган Туглук Тимурдун баласы Кызыр Кожо Камар ад-дин дайынсыз жоголуп кеткенден кийин Могулистандагы бийликке келет. Кызыр-кожо 1397-ж. Темир менен жарашып, ага өзүнүн карындашын берет. Кызыр Кожо 1399-ж. өлгөндөн кийин бийликти анын 4 уулу талашып калат да, Могулистандын бир топ жерлери Темирге карайт. Бирок көп узабай 1405-ж. өзү өлөт.

Аксак Темир өлгөндөн кийин Кызыр Кожонун уулу Мухамед хан тың чыгып, ислам динин активдүү таратат. А.Н.Бернштамдын маалыматы боюнча Мухамед хан Чатыр-Көлдүн түндүк жээгине Таш-Рабат караван сарайын салдырган. Ал Могулистанды кайрадан күчтүү мамлекетке айланта баштаган. Кызыр Кожонун дагы бир уулу ШерМухамед 1421-ж. Могулистандын толук кожоюну болуп калат. Аксак Темирдин небереси Улугбек мындан чочуп, 1425-ж. моголдорго жортуул жасайт. Бирок ал Чүй менен Нарындан өтүп келгенде Шер-Мухамедден талкаланат. Шер-Мухамед өлгөндөн кийин Могулистанды Кызыр Кожонун дагы бир уулу Вейс хан башкарып калат. Ал да Ысык-Көлдө Самаркандын ханы менен болгон сал гы лашта 1428-ж. өлөт. Кыргыз оозеки чыгармасындагы «Ак-Мактым» аттуу уламыш 1418–1428-жж. Вейс ханга байланыш туу окуялардын негизинде жаралган деген ой бар. (Т.Абдыракунов) Вейс хан (же уламыштагы Бегарстан) Ы.Абдыракмановдун ою боюнча «Дария Иле боюнда Вайис султан кан болот. …көтөрүлгөн калмакты күн батышка карата жылдыр бастан ошондо тосуп турат Вайис хан.

…Вайис ханга кыргыздар чоң жардамын кылыптыр» (Ы.Абдырахманов. Вейис султан ким? Уламалар айтып жазган Абдрахманов – ОРП. Инв. 413, 8–9-бб.)

Вейс хандан кийин бийликти анын 2 уулу Юнус хан менен Эсен-Бука талашып калышат. Акыры көчмөн салт ты сактаган Эсен-Бука тараптагылар жеңишке ээ болушат. Могулистандын батыш чегинде XV кылымдын орто чендеринде казак кандыгы пайда болот. Батыш чек арада алар өзбек хандыгы менен да чектеш эле. Хандыктын негизин Алтын Ордодон XIV кылымда эле бөлүнүп кеткен Ак-Ордонун түрк уруулары түзгөн. 1420-ж. Өзбек хандыгында Бишкекке Абул-каир султан келген эле. Ал мурунку Ак-Ордонун башкаруучуларын бийликтен четтеткендиги үчүн өз ара нааразычылыкты пайда кылган. Кай бир султандар, мисалы, Жаныбек менен Гирей өздөрүнүн айылдары менен Чыгышка Могулстандын кандарына качкан. Ошондо алар Чүйгө жана Ысык-Көлгө Эсен-Буканын карамагына келишкен. Ошентип казак хандыгы пайда болгон. Эсен-Бука 1462-ж. өлгөн. Могулистандын батыш тарабын бүткүл Могулистанды Юнус бийлеп калат.

Монголдордун кысымы менен ойроттордун кол башчысы Аши-Тэмур (Эсен хандын уулу) 1470–71-жж. ойроттордун бириккен күчү менен Могулистанга кол салат. Иле дарыясында ал Юнус ханды улусу менен Ферганага сүрүп таштайт. Ойроттор кеткенден кийин Могулистандын күчтүү элдеринин бири кыргыздар болуп калат.

Кыргыздардын жол башчылары 1484-ж. хандыка Юнус хандын уулу Ахмед ханды көтөрүшөт. Ал ойротторду бир нече жолу жеңип, алардын Батышка жылышына бир топ тоскоол кылат. Мухамед Хайдар кыргыздарды моголдор менен бир эле эл деп эсептегени менен XVI кылымдын башында эле кыргыздар эл болуп, калыпталып калган этнос болуучу.

Кыргыздардын падышасы болуп 1504–1505-жж. Султан Халил-Султан дайындалат. Бирок ал бийликте аз эле убакыт болот, анткени ал тууралуу башка маалымат жок. (Материалы по истории казахcких ханств. – с. 528). Ошол эле мезгилдерде тарыхый аренада Мухамед кыргыз пайда болот. Анын толук өмүр баяны алигүнчө белгисиз. Мухамед кыргыз тууралуу «Тарихи Рашиди» аттуу Мухамед Хайдардулаттын эмгегинде азыноолак маалымат бар. Хайдар мырзанын жазганы боюнча Могулистанды башкарган Султан Саид ханга Мухаммед кыргыз 1514-ж. кызмат өтөгөнү келет. Анан кийин Мухаммед кыргыз 1517-ж. Сайрам, Түркстанды тоноп тургандыгы Султан Саид хан тарабынан туткунга алынып, 5 жыл өтөт.

Туткундан 1522-ж. бошонуп, кыргыздарды бириктире баштайт. Султан Саид хандын уулу Рашид султан Могулистанга келгенде Мухаммед кыргыз болгон кыргызды чогултуп Могулистанды каратып алат. Бирок казактар менен жашыруун союз түздү деп күнөөлөп, 1524-ж. Султан Саид аны экинчи жолу туткунга алат. Туткундан Саид хан 1533-ж. өлгөндөн кийин гана бошотулат. Башка маалымат жок. Ошондуктан Мухаммед кыргыздын калган өмүр жолу бизге белгисиз.

Хайдар мырза өзүнүн эмгегинде белгилеп кеткендей Мухаммед кыргыз Могулистандагы ж.б. жактарга чачырап кеткен кыргыздарды жыйып бириктирген экен. Ошондуктан дал ушул адамдын убагында кыргыздар Могулистанда үстөмдүк кылып турушкан. Демек, аларда эл болуп калыптануу про цесси тездетилип (формирование кыргызской народности) кыргыздар калыптанып калган. Бул процесстин объективдүү экени Мухаммед кыргыздын өзүнүн ысымынан деле билинип турбайбы. Деген менен кыргыздардын этникалык составы оң, сол деп экиге бөлүнүп, ичине бир топ ири урууларды камтыган. Ал уруу лардын көпчүлүгү башка элдердин составына да кирип кеткен. Ошондуктан бул мезгилдин да изилдене элек жагы көп.

Мухаммед кыргыз экинчи жолу 1524-ж. Султан Саид хан тарабынан туткундалганда кыргыздар бири-бирине баш ийбей казактардын Тахир ханына барып пааналашат. Тахир хан, бирок мүнөзү начар болгондуктан андан казактар кетип калышат. Ал тургай башка казактардын султандары ага каршы турушат. Деген менен 1525–26-жж. Кочкордун кыргыздары Тахирге кошулуп, Рашид султандын кол алдындагы кыргыздар менен Могулистанга умтулушат. Аларга жолтоо кылуу максатында моголдор кыргыздарды Жумгалдан жана Кочкордон Ат-Башыга көчүрүп барышат. («Тарихи Рашиди») Муну менен канааттанбай Рашид Султан кыргыздарды жазалайм деп аларга каршы казатка чыгат. Кыргыздар Арышляр деген жерде өздө рүнүн журтун таштап, жок болуп чыгат. Көрсө, кыргыздарга кол салган Бабачак-Султан сокку жеп, качкан экен. Кыргыздар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн казактардын конушуна алпарып таштап, Бабачак-Султанды кууп кетишкен экен. Моголдор андан ары жөнөгөндө аларга жолдон кыргыздардын 100 миң кою кездешет. Алар бул олжону айдап кетишет. Ошондуктан тарыхта бул казат «кой черик» деп аталып калган. 1527-жылдарда Тахир АтБашыдагы кыргыздарды көчүрүп кеткен. «Тарихи Рашидиде» кайда көчүрүп кеткени айтылбайт. Ушул маалдарда Жети-Суу чөлкөмү казак менен кыргыздын карамагында болуп калды. Казактын ханы Тахирге кыргыздар аягына чейин ишенип, аны айылы менен өздөрүнүн арасына киргизип алышкан. Акыры Тахир 1533-жылдар кыргыздардын конушунда дүйнөдөн кайткан.

Казактар менен кыргыздардын ойротторго болгон күрөшү XVI кылымдын орто ченинде күчөйт. Анткени ойроттор кытайлар менен соода мамилесин бузуп алып, Орто Азияга умтулуусун күчөтүшкөн эле. Ошол кезде кыргыздар азыркы Кыргызстандын территориясынын көп жерлеринде, ошонун ичинде Фергана өрөөнүндө да жашап калган кези эле. Буга далил 1503-ж. жазылып бүтүрүлгөн Фергана өрөөнүндөгү кыргыздар жөнүндө айтылган «Маджму ат-таварих» («Тарыхтардын жыйнагы») аттуу кол жазмадагы кыргыздардын санжырасынын берилиши, бул чыгармага караганда кыргыздар XVI кылымдын башына чейинки убакытта эле оң, сол болуп бир топ чоң уруудан турган калк болуп көрсөтүлгөн. (Материалы по истории киргизов и Киргизии).

XVI к. орто чендеринде казактар менен могулдардын ортосунда күрөш күчөйт. Бул мезгилдерде казактардан чыккан Хак-Назар хан ойротторго жана Шайбаниддерге каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүп келген. Ал эми моголдор менен күрөшүүгө күчү азыраак болуп турган эле. Ошондой шарттарда кыргыздар казактарга чоң көмөк болгон. Алардын Хак-Назар башкарган бириккен союзу могулдарга туруштук бере алышкан. Хак-Назар XVI кылымдын 70-жылдарында моголдордон жеңилгени менен кайра өч алганга жетишет. Хак-Назардан кийин XVI кылымдын 80-жылдарында кыргыздар казактардын Теввекель Султанын колдошот. Теввекель бир аз убакыт ойротторду өзүнө баш ийдирип турган. Ошого карабастан ойроттордун чорос уруусунан чыккан Харахула ыдырап калган ойрот урууларынын башын бириктирип, кийинчерээк 1635-ж. Жунгар хандыгынын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жунгар хандыгы казактар пайда болгонго чейинки убактарда кыргыздар, казактар менен биргелешип саясий союзда болуп турушкан.

Кыргыздар менен казактардын ынтымагы 1635-ж. Жунгар хандыгы пайда болгондо да өз жемишин берди десек болот. Анткени материалдык ресурстары жок жунгарлар казак менен кыргызга кол салганда да Орто Азия менен Чыгыш Түркстанга өтө албай коюшкан. Ал тургай 1635-ж., 1643-ж., 1652-ж. кыргыздар менен казактардын көрсөткөн каршылыктарынын негизинде жунгарлар Ташкент, Сайрам жана жалпы эле Фергана өрөөнүнө өтө алышпай коюшкан. Бирок Кыргызстандын түндүгүнүн бир топ жерлери, атап айтканда, Илэ-Чүй-Талас дарыяларынын ортолорундагы журт жунгарлардын карамагында калган. XVII кылымдын 70-жылдары ойрот тайчилеринин өз ара айыгышкан күрөшү менен өтөт. Акыры Очирту-Цэцэн хан жана анын союзниктеринин толук жеңилишине алып келет.

Ошентип 1677-ж. Галдан-Бошокту хан Жунгар хандыгын жалгыз башкарып калат. Казак менен кыргыздардын мүмкүн чүлүгүн көргөн-билген Галдан алар менен сый мамилеге өтөт. Ал казак, кыргыз, өзбектер менен достук мамиледе болуп турат. Бул дипломатия өз жемишин бербей койбойт. Ысык-Көлдүн кыргыздары Галданга жардам көрсөтүп турган убакыт болгон экен. Ушундай жагдайдан пайдаланып, Галдан акырындап 1682–1685-жж. бир нече жолу Орто Азиянын дыйканчылык райондоруна Сыр дарыясынын шаарларына жана Фергана өрөөнүнө аттанган. Сайрам менен Анжиянды басып алат. Бирок көп узабай эле кыргыздардын айыгышкан күрөшүнө чыдабай ал шаарлардан чегинүүгө аргасыз болушат. Ошентип, кыргыздар XVII кылымдын ичинде, өзгөчө кыргыздар менен жунгарлардын мамилелеринин жаңы этабын ачкан. Галдан-Бошокту хандын бийлигинин убагында (1670–1697-жж.) жун гарларга же башкача айтканда, калмактарга толук жеңилип беришкен эмес. Мына ошол себептен жунгар доорунун айыгышкан күндөрү кыргыз оозеки чыгармаларында, өзгөчө кенже баатырдык эпостордо кеңири чагылдырылган. Деген менен кыргыздардын Жунгар доорундагы тарыхы дагы толуктоону талап кылат. Бул мезгилдерге арналган илимий эмгектер кыргыз тарыхы илиминде жокко эсе десем жаңылыштык бол бостур.

Ошол эле XVII кылымда Енисейде да кыргыз аттуу элди орус булактары белгилейт. Бул кыргыздарды А.Абдыкалыковдун далили боюнча Тянь-Шань кыргыздары менен бир эл деп айтууга болбойт. Алар азыркы хакас элинин бир бөлүгү болгон. Бул кыр гыздарды XVII кылымдын башында калмактар Маньчжурияга азыркы Кытайдын Чыгышындагы Фуюуй районуна көчүрүп кеткени белгилүү. Албетте, ал кыргыздардын тянь-шандык кыргыздар менен түпкү тамырлары бир деп айтуу керек. Бирок XII–XIII кылымдардан кийин кыргыз этносу ар кайсы жакка чачырап кетип, бир нече кылым бири-биринен изоляцияда калышкан. Ушул күнгө чейин кыргыз наамын сактап калган азыркы кыргыз эли бул этностун орчундуу бөлүгүн өзүнүн ичине сиңирип алган окшойт.

Кыргыздар менен жунгарлардын ортосундагы мамилелердин курчушу жунгар бийлигине Цеван Рабдан келгенден кийин кайрадан башталат. Ал 1721-ж. Бадахшан менен Каратегиндеги кыргыздарды каратып келгенге кол жиберет. Кыргыздар мында катуу талкаланып, Шадман менен Кулябга чегинишет. Андан кийинки 1723–25-жж. кыргыз менен казактын тарыхында өтө оор жылдар болгон. Жунгарлар Цин империясы менен убактылуу жарашып, Орто Азияга катуу сокку уруп киришет. Орто жолдон кыргыздын бийлери менен казактын султандарын оңой эле талкалап, Цебан-Рабдан Жети-Cууда үстөмдүк кылып калат. Ал эми Ысык-Көлдүк кыргыздарды баш ийдирип алат. Жалпы жонунан алганда XVIII кылымдын 40-жылдарына чейин Чыгыш кыргыздар менен Жунгарлардын ортосунда келишимдик жана союздаштык мамилелер өкүм сүрүп турган. Кай бирде гана кагылыштар болуп турган. Жунгарларга көз каранды болгон соң, ойрот кол башчыларынын согуш иштерине катыша башташат. Ошол эле мезгилдерде баштагы кыргыздар (Анжиян, Каратегин, Тянь-Шандын бийик тоолуу райондору) Жунгар отряддарын бир нече жолу жеңишет. Кыргыздар, казактар жана өзбектер менен биргелешип, демилгени Кокон хандыгын башкаруучу Абд-ал-Карим өз колуна алат. Алар Орто Азияда Жунгарлардын бийлигин күчөтүүгө жол беришпей, ойротторду да өздөрүнүн жерлеринен кууп чыгууга көмөк болушат.

Жунгарлардын Түндүк Кыргызстанга катуу кол салгандарына байланыштуу мындагы кыргыздар Фергана өрөөнүнө, Памир-Алайга Чыгыш Түркстанга: (Кашгар, Жаңы-Гисар, Жаркен, Котон ж.б. жерлер) көчүүгө аргасыз болушкан. Ал жерлер Могулистанга карагандыктан, ошолордун согуш иштерине катышып, кыргыздардын бийлери мамлекеттеги чоң орундарга дайындалыша баштайт. Аб-даллах хан жана анын уулу Нур-ад-Дин бийликте турганда, кыргыздар мамлекеттин бир топ негиздүү кызматтарында турушат. Бирок чоң багыш менен кыпчак урууларынын ич ара келишпестиктеринен улам, кыргыздардын таасири Чыгыш Түркстандын батышында төмөндөй түшөт. Ошондон жана ак тоолуктар, кара тоолуктардын да келишпестиктеринен пайдаланган ойроттор аз-маз тыңый түшүшөт. Бирок Чыгыш Түркстанды акырында Жунгарлар бийлеп алган эле.

Цин империясы менен Жунгарлардын мамилелери XVII кылымдын 90-жылдарында бузула баштайт. Ошондо Жунгар лардын Чыгыш Түркстандагы бийлиги бошой түшөт. Мындай саясий ыңгайлуу ахвалдан кыргыздар дароо пайдаланышат. Ошондуктан Арзу Мухаммед бек башкарган кыргыздардын бириккен күчтөрү Чыгыш Түркстандын батышындагы саясий бийликке келишет. Ошондо Арзу Мухаммед бекке төөлөс, кесек, чоң багыш, кыпчак, кушчу, найман ж.б. Кашкардын жана Жаңы-Гисардын журту жакшы жардам берген экен. (Тарих-и Кашгар, Материалы по истории киргизов и Киргизии. Вып. 1., М., 1973. – 223 б.). Бирок ХVII–ХVIII кылымдардын башында Цеван-Рабдан Чыгыш Түркстандагы кыргыздар менен казактардын катуу каршылыгын сындырып, ал аймакты кайра бийлеп калат. Цеван Рабдандын уулу Галдан Церендин убагында калмактар менен кыргыздар 1732-ж. Кетмен-Төбө өрөөнүндө, 1736–1738-жж. 3 жолу Бадахшанда, 1747-ж. Кашкарда, 1749-ж. урушуп, көбүнчө кыргыздар жеңишке ээ болгон (История Кирг. ССР. Т. 1. Фрунзе. 1984-ж., 460-б.).

Жунгарлар менен кыргыздардын ортосундагы каршылыкты Цин империясы кеңири пайдаланат. Алар кыргыздар менен байланышып, кыргыз, казакты Жунгарларга тукурат. Кытай, кыргыз, казак болуп, Жунгарларга каршы бир күч түзүлүп калат. Деген менен кыргыздардын максаты өзүнүн жерлерин бошотуу гана болчу. Ал эми кытай мамлекети Жунгарларды таптакыр талкалаш керек эле. Анткени алар Кытайга Чыгыш Түркстанды жана Орто Азияны каратып алууга жолтоо кылып турган. Кыргыз, казак жана өзбек элдеринин күрөшүнө жунгарлардын өз ара ыркы келишпестиги да жардам берди. Император Хун-ли (Цянь-лун) ошондой авалдан пайдаланып, Жунгарияны каратып алат. Цин администрациясы аларды чорос, дербет, хойт, хошоут деп 4 бөлүккө бөлүп коёт.

Чыгыш Түркстанды каратып алуу максатында 1758-ж. Цин армиясы бул аймакка кол салып, үстөмдүк кыла башташат. Бул жылы Цин генералы Чжао Хой ойротторду кууп жүрүп, Санташтан өтүп, Ысык-Көлдүн кыргыздарынын айылдарына кирип келет. Чжао Хой жана анын офицерлери Тогуз-Тородо, Таласта, Жумгалда болушуп, Цин империясынын манифестин жарыялап кетишкен. Бул көрүнүш Цин империясынын кыргыздардын жерлерине көз арта баштаганы болучу. Ушул мезгилдерден баштап, кыргыздар кытай менен болгон мамилелерин кескин өзгөртүшөт.

Цин империясына туруштук берген кыргыздар бир аз убакыттан кийин Кокон хандыгынын эзүүсүнө дуушар болду. Тарыхый аренага чыккан Кокон хандыгы 1762–1831-жж. аралыгында кыргыздарды өз мамлекетине журт кылып алды. Андан соң тарыхка белгилүү болгондой 1855–1876-жж. ортосунда кыргыздарды Орус империясы каратып алган. Ошол бойдон кыргыз эли Октябрь революцияс ына чейин келип, 1917-ж. совет доорунда жашап калышкан.

Жогоруда айтылган кыргыздардын кыскача этникалык тарыхынын баяндамасынан төмөндөгүдөй жыйынтыктарды чыгарсак болчудай. Башка көп сандаган этникалык бирикмелер менен эле катар кыргыздардын түпкү теги б.з.ч. 2000-жыл мурда уюшулган. Андрон маданиятынан, андан соң аны алмаштырган Тагар жана Таштык маданияттарынан баштоо зарыл. Бул маданияттар биринин ордуна бири келип жатып, бара-бара кон крет түү боло баштайт. Ошондой чоң этникалык топтордун бири – гундар. Монголиянын түндүк батышынан тараган гундар өз ордунан көчкөндө бир бөлүгү Сибирдеги көздөрү көк, бойлору узун, чачтары сары динлин аттуу эл менен кошулуп аралашып отуруп, байыркы кыргыз этносу пайда болгон. Албетте, байыркы кыргыздардын калыптаныш же жаралыш процессине башка этностор деле катышкан. Кандай гана болбосун кыргыз этносунун жаралышын кытай кол жазма булактары б.з.ч. 201–203-жж. белгилеп кеткен экен. Ушул фактылардан улам кыргыз элинин маданиятынын түпкү теги Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден десек болчудай.

Арадан бир топ кылым өткөн соң биздин эранын V–VI кылымдарынан баштап, байыркы кыргыздар (илимде аларды енисейлик кыргыздар дешет) тарыхый аренага чыгышат. Байыркы кыргыздардын байыркы уйгурлар менен болгон чыр-чатактары 840-ж. кыргыздардын толук жеңиши менен бүтөт. Ушул кезде андан мурдараак пайда болгон кыргыз мамлекетинин дүркүрөп күчүнө келип турган маалы эле. Ошол себептен IX кылымдагы кыргыздарды академик В.В.Бартольд «Кыргызс кое великодержавие» деп атаган эмеспи.

Деген менен кыргыздардын ахвалы IX кылымдын орто чендеринен баштап начарлай баштайт. Негизинен, буга себеп болгон кытайлар эле. Кыргыздар менен кытайлардын өз ара мамилелери да курчуй түшөт. Кыргыздардын күчүнөн кетишине дагы бир себеп кара кытайлардын аренага чыгышы эле. Кыргыздардын Тянь-Шанга келген бир бөлүгү мүмкүн кара кытайлар доорунда болгон. «Манас» эпосу муну жакшы бышыктап турат. Кыскасын айтканда, Енисей боюндагы кыргыз этносу туш-тушка ыдырап тарайт. Бул факт «Манаста» учкай болсо да көрсөтүлүп кеткен. Ошентип биз Түштүк Сибирде, Алтай, Каңгайда, Саян тоолорунда кыргыз аттуу байыркы эл болгонун XI кылымдарга чейинки окуяларга таянып айта алабыз.

Кыргыз этносу ар кайсы жакка тараган соң, негизги бөлүгү (же болбосо орчундуу бөлүгү) Тянь-Шанга келет. Андан башка кыргыздар Алтайга, Чыгыш Түркстанга, мүмкүн, Түштүк Уралга чейин, Байкөл көлүнөн чыгышка түндүккө (бир аз бөлүгү азыркы Саха-Якутияга чейин) жетишкен. Акыркы чоң жоо кара кытайлар болгон. Анан монголдорго кыргыздар өз ыктыяры менен 1206–1207-жж. алгачкы жолу баш ийип беришкен. Кийин 1218-ж. монголдорду тоготпой коюшкандары үчүн Жучу хан аларды дагы бир жолу тынчыткан. Жучунун кыргыздар менен болгон мамилелери тууралуу айтылган оозеки чыгармаларда да чагылдырылган.

Кийинки убактарда, атап айтканда, XIII–XV кылымдарда Тянь-Шанга келген кыргыздар жергиликтүү элдер менен аралашып отуруп, XV кылымда кыргыз элинин уюткусу (основа кыргыз ской народности) калыптанып калган. Муну «Маджму ат-таварих» аттуу кол жазма бышыктап турат. Ал эми Минусин өрөөнүндө Хем (Енисей) дарыясынын башында, Алтайда ж.б. жерлерде калып калган кыргыздар ошол жергиликтүү уруулар менен аралашып отуруп азыркы хакас, тува, алтай, шор, саха, тофалар, бурят (монгол тилиндеги эл болгон күндө да) элдеринин ичинде сиңип кеткен. Буга далил ушул элдердин баарында кыргыз аттуу этнонимдин же болбосо генионимдин (кичине уруу) болушу. Ушул эле элдердин оозеки уламыштары, легендалары болгону биздин ойго дагы бир далил боло алат. Аталган элдер менен туугандыгыбыз эпикалык материалдар менен да бышыкталып турат.

Тянь-Шанда калыптанган кыргыздар албетте аталган элдерден айырмасы бар. Анткени байыркы кыргыздар же болбосо биринчи кыргыз деген этностук уюм ыдырап барып кайра пайда болду десек болчудай. Кайра пайда болгон этностун негизин дал ошол байыркы кыргыздар түзүп, алар Тянь-Шанда кыргыз эли болуп калыптанышты. Калган элдердин ичинде, ошонун ичинде алыскы башкорттордун составындагы кыргыз деген уруунун аты ошол элдерге азыркы кыргыздарга караганда азыраак өлчөмдө кирген. Кыргыз элинин өзүнчө этнос (народность) болуп калыптанышы Тянь-Шанга туш келет. Кыргыздар XV–XVI кылымдарда бир топ ири урууларды камтыган чоң эл катары белгилүү болгон.

Мүмкүн саяк, сарбагыш, солто ж.б. айрым ири уруулар кыргыздардын этникалык структурасында кийинки көрүнүш болушу ыктымал. Буга чоң далил «Манас» эпосу. Анда жедигер, найман, кыпчак, мундус, муңгуш, ногой ж.б. бир топ уруул ардын аты аталат. Бул законченемдүү көрүнүш. Анткени ушул аталган этнонимдер ж.б. кыргыздын этникалык структурасындагы уруулар башка түрк монгол элдеринде да бар эмеспи. Бул уруулардын кыргыз элинин ичине сиңип кеткенине дагы бир себеп, алардын Алтын Ордонун ж.б. көп сандаган хандыктардын, ойроттордун, моңголдордун, моголдордун, ногойлордун ж.б. элдердин журту менен бирге согушуп, бирде жарашып, камырдай жуурулушуп келгендегиси болушу керек.

Уруу-урууларга бөлүнүш совет доорунун алгачкы жылдарына чейин келип жетти. Бул көрүнүштүн терс саркындысы биздин күндөргө чейин жетти десек болот. Ошентип кыргыз элинин этникалык жактан өнүгүү процесси XIX кылымдын аягына чейин жүрүп келди. Буга бир далил кыргыздардын составындагы калмак (сарт-калмак) аттуу этнографиялык топтун (группанын) кыргыздардын арасына сиңип, бир эл болуп кетиши. Бул этникалык топ Кыргызстанга 1863–1864-жж. эле келген экен. Бара-бара 100 жылга жетпей алардын маданияты, тили кыргыздарга толук кошулуп кеткен. Ошондуктан кыргыз эли Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан ж.б. жерлерден келген этностордун жана да жергиликтүү Орто Азиялык элдердин кошундусунан калыптанып жана өсүп-өнүгүп келген эл. Бул процесс татаал жолду басып өткөн. Көркөм формада кыргыздардын этникалык тарыхынын кай бир учурлары «Манас» эпосунда чагылдырылган.

Е. КЫЧАНОВ, Т. БЕЙШЕНАЛИЕВ

ЮАНЬ-МИН ДООРУНДАГЫ КЫРГЫЗДАР

(XIII–XV кылымдар)

Бул макаладагы сөздүн Енисей кыргыздары жана алар дын тарыхы жөнүндө боло тургандыгын окуучуга да роо эле айтып коюубуз керек. Мындагы тарыхтын Кыргыз станда жана аны менен чектеш жайгашкан Кытай Эл Республикасынын Синьцзян провинциясында жашаган кыргыздар менен байланышы жок деп айтуунун өзү да кыйын.

Азыркы кыргыз эли казак менен өзбектер сыяктуу XV–XVI кылымдарда түзүлүп, енисей кыргыздарынын кайсы бир бөлүгү ага кошулуп кеткен. Муну далилдештин өзү да өтө оор маселелерден, ошентсе да буга кыйыр далилдер илимде акырындык менен топтолууда.

IX кылымдын башында Минусин өрөөнүндөгү кыргыз акими өзүн каган деп жарыялайт. «Каган» түрк элдеринин тарыхынын алгачкы мезгилдериндеги эң жогорку наам болуп эсептелген. Түрктөр бул наамды бир кезде өздөрү баш ийип турган жуанжуандарды туурап алышкан. «Каган» «император» деген наам менен эле тең туруп, аны Көк теңирим өзү сүйгөн пендесине гана ыйгарат деше турган. Буга дейре кыргыздар сеянто түрктөрүнө көз каранды болуп, эльтебер наамындагы акимге (цзянго) баш ийишкен. Кыргыздар Цисиби, Цзюйшабоби, Амиби деген айыл аксакалдарынын (цюч-жан) башкаруусу алдында турушкан. Алардагы «би» деген сөз «бий» дегенди эле түшүндүрсө керек, ошентип жогорудагы айыл аксакалдары кадимки чоң даражалуу бийлерден болушкан. Кыргыздар кийинчерээк Борбордук Азиядагы Уйгур каганатына (715–840) көз каранды болуп турушкан. Кыргыз акиминин каган деген наамды алышы кыргыздар менен уйгурлардын ортосундагы согушка алып келген. Согуш кыргыздардын жеңиши жана Борбордук Азия да Кыргыз каганатынын (840–X кылымдын ортосу) орнотулушу менен аяктайт. Кыргыз каганаты Борбордук Азиядагы түрктөрдүн күчкубатынын соңу болот. Кыргыздардын башкаруусу көпкө созулбайт. X кылымдын башында азыркы Ички Монголия делген Автономдуу районунун, Кытай Эл Республикасынын ордунда кидандардын мамл екети пайда болот. Кидандардын X кылымдын биринчи жарымында азыркы Монгол эл Республикасынын түштүк-чыгышында таасири күчтүү болот. Тан доорунда кытай сарайы менен алакасы бар кыргыз акиминин уйгур каганатына чейин эле эльтебер деген наамы болгон. Кыргыздарды уйгурлар каратып алгандан кийин кыргыз акими «бицзя тунь цзецзинь», «бильгя… иркин» деп аталып калат. Эльтебер иркинден жогору турган наам болот. Чын-чынында бул наамдарды каган деген наамы жок түрк акимдери алышкан, Жапан түркологу М.Моринин пикирине караганда түмөн (10 миң) же андан көп кол курай ала тургандары эльтебер делген, түмөн жетпей кол курагандары иркин деген наамга жетишкен. Кыргыз акиминин минтип каган деген наам алышы уйгурлардын кыжырын келтирет. Бардык түрк каганатынын ичиндегилерди салыштырып келгенде Кыргыз каганатын башкаруу аппаратында кытай таасири күчтүү болчу. Кыргыздардын кан үйү кытайча Ажэ деп аталчу, анын үстүнө кытай жазуулары «ажэ» деген сөздүн бир эле мезгилде элди башкарып турган урууну да, наамды да түшүн дүрөрүн айтат. Кыргыз каганатынын ордосу кашаалар (шань) менен курчалган тоо ичиндеги шаарчада болчу. Кыргыз каганы кытайдын кан сарайынан, «Көк теңирдин нуру төгүлгөн эр жүрөк, ак ниет жана баатыр каган» деген наам алат («цзун инсюн у чэн мин кэхань). Кагандан кийинки мамлекеттин чоң башкаруучулары болуп жети цзайсян (визир, канцлер) эсептелчү. Чоң төрөлөр да «алты даражага» (лю дэн) бөлүнүшчү, кейпи бул алты «министрлик» (лю бу) – юстициянын, шаан-шөкөттүн, кадрлардын, коомдук иштердин, акча каражаттарынын, аскер иштеринин башкы башкармасы болсо керек. Он чжиши-төрөлөр борбордон жер-жерлерге убактылуу тапшырылган иштер боюнча чыгып турушчу. Кагазга тиешелүү иштердин баарын он беш чжан-ши катчылар жүргүзчү. «Синь Таншудагы» маалыматтарга караганда Кыргыз каганатындагы иш кагаздары уйгур тилинде жазылчу. Каганаттын аскерлерин генерал-сэнгундар (цзянь-цзюну) башкарчу. Алык-салыктарды тарткандар жыйноочу. Сэнгундар менен таркандардын саны шартка жараша өзгөрүлүп турчу. Каганаттын жергиликтүү администрациясын үч тутук (кытайдын дуду-губернатор деген сөзүнөн) тейлей турган. Губернатор башкарган область «бу» деп аталчу. Кыргыз каганатынын бардык «бусунун» (областынын) жашы жеткен эркектаналарынын баары «карандай күч» деп саналышып (ишучжэ), салык төлө гөндөн тышкары кагандын аскер күчтөрүндө кызмат өтөшчү, коомдук иштерге тартылышчу. Кыргыз каганатынын өзүнүн мыйзамы болгон. Мамлекетке каршы кылмышкерлер, уурулар өлүм жазасына тартылышчу. Өтө чоң уурулук кылгандардын аталары да жазага тартылган болуу керек – өлгөн уурунун башын кесип туруп атасынын мойнуна тагып коюшчу, ал аны өлөөр өлгүчө тагынып жүргөн. Кыргыздар батыштагы Кашкарга жана чыгыштагы Амурдун баш жагын мекендеген шивейлерге чейин бир топ жолу жеңиштүү казаттарга чыгышкан. Азыркы кытай тарыхчылары шивейлерди түз эле татарлар менен окшоштурушат. Кыргыздардын Хангай тоолорунун ары жагындагы Монгол жергесине сүрүп чыккан алардын шивейлерге (847-ж. жана башка жылдар) жана шивей-кидандарга (885–887-жылдар) жасаган жортуулдары Борбордук Азиядагы олуттуу да, чукул да өзгөрүүлөргө алып келет. Шивей урууларынын арасында («шивей» деген сөздөн бизге жакшы тааныш «Сибирдин» биринчи айтылышын көрүүгө да негиз бар) монголдор болгон. Аргундун чатында, Амурдун баш жагында, Чоң Хингандын жанында жашаган монгол уруулары акырындап батышка оой берет. Монголдор акырындык менен ар кайсы түрк урууларын Халки жергесинен сүрүп, түрктөр, анын ичинде кыргыздар да батышка ооп, моңголдорго аралашып сиңе баштайт. Чыңгыз хандын түпкү энеси АланГоа беш баласынын экөөнү моңголдон, үчөөнү түнүчүндө түндүктөн жарыктын шооласы менен кошо түшүп келген сары кишиден төрөгөнү белгилүү. Чыңгыз хандын уругу Алан-Гоанын кичүү уулу Бодонсардан башталат. Чыңгыз хандын өзүнүн да, укум-тукумунун да чачтары сары, көздөрү көк болгон. Буларга окшош кишилер Енисей кыргыздарынын арасында кездешкен. Алан-Гоа өзүнүн үч кичүү уулун кыргыздардан төрөгөн деген божомолду Березин өткөн кылымда эле айтып кеткен. Бул пикирди монгол-кытай тарыхын жакшы билген белгилүү немис окумуштуусу П. Рачневский (ГДР) да ырастап олтурат. Ал Алан-Гоанын үйүндөгү жалгыз эркек Малик Баяудецти Чыңгыз хандын бабасы Бодончардын атасы жана түрк болгон деп эсептейт. Алан-Гоа жөнүндөгү уламыш Л.П.Потапованын ою боюнча түрктөрдүкү деп айтылат. Түштүк Сибирдеги байыркы түрк-шамандар адамдын өмүрү көктөн башталат дешкен. Ал көктөн жерге кандайдыр бир зат түрүндө түшүп турат. Кээде жылдыз болуп учуп түшөт, кээде күн нуру болуп төгүлөт, кээде келечекте төрөлө турган балдарды шаман ыйык кайыңдардын бутактарынан үйлөп түшүрөт. Булардын баары тең жерге учуп келатып боз үйлөрдүн түндүктөрүнөн очокторго, төшөктөрдүн баштарына түшөт, анан соң барып аялдардын боюна бүтөт. Аялдардын боюна бүтүшү күн нурларынан, алтын жиптерден да болгон.

Монголдордун жана кыргыздардын уламыштарынын окшоштугун Чыңгыз хан төрөлгөндө «оң колу менен уюган канды мыкчый чыгышы», Манас төрөлгөндө да «эки колу менен уюган канды ала чыгышы» кадимкидей эле айтып турат.

Моңголдордун Халхеде бекем орун алышы Халкинин түштүк-чыгышындагы моңголдорго этникалык жактан жакын кидандардын башкаруу мезгилине туура келет. Моңголдор менен кидандардын мамилеси негизинен жакшы эле болгондуктан, моңголдор бир топ ийгиликтерге жетишет. XI кылымда Халхеде көчмөндөрдүн бир топ мамлекети (улустары) түзүлөт. Булардын эң күчтүүл өрүнөн болгон кереит улусу менен найман улусунун негизги калкынын этникалык жактан кимге таандык экени эмдигиче илимде так эмес.

XII кылымдын ортосунда кереиттер Хангай тоолору, Керелең дайрасы, Гоби чөлүнүн аралыгында көчүп-конуп жүрүшкөн. Бирок Рашид-ад-дин жазгандай кереиттердин акими Тоорил-каган (Он-хан, Ван-хан) кыргыздардын байыркы жергесинде «жашап өткөн», бул туурасында «Юань шиде» да айтылат.

П.Рачневский кереиттерди (кирей уруусун) кыргыздардын бир бөлүгү деп эсептейт, анткени алар мурда Иртыш дайрасы менен Алтайда жашашкан, аларды аяктан наймандар сүрүп чыгарган. Кереиттер кийин моңголдор менен жакшы ымалага келип моңголдошуп кетишет. Наймандар дагы адегенде кыргыз жергесинде жашашып, кийинчерээк Алтайда, Иртышта, Обь дайрасынын башында болуп келишкен. Балким, X кылымдагы Кыргыз каганатынын начарлоо мезгилинде кыргыздарды жеңип алган наймандар болушу ыктымал. Рашид-ад-диндин маалыматына караганда наймандардын өзүнүн улусу да «чачылып, чилдей тараган». XII кылымдагы наймандардын түндүктөгү жерлери кыргыз жерлери менен чектешип турган. Жакында көзү өткөн белгилүү кытай тарыхчысы, моңгол тарыхы жана Юань династиясы боюнча адис Хань Жулинь наймандарды кыргыз урууларынын бири деп эсептейт. Чынында эле наймандардын «Манаста» да дайыма кыргыздар менен чогуу жүргөнүн көрөбүз. «Юань династиясынын тарыхынын» (1983-жыл) авторлору наймандар X кылымдын биринчи жарымындагы «Тан династиясы кыйрагандан кийин түштүккө ооп кеткен кыргыздардын бир бөлүгү болуш керек» – деп жазат. Наймандарды П.Рачневский дагы моңголдорго эмес түрктөргө кошот да, алардын «найман» деген аты моңголчо түрктөрдүн «сегиз өгүзүн» түшүндүрүш керек дейт. Кыргыздарды кысып, кереиттерди Халхага көчүп кетүүгө мажбур кылган мына ушул наймандар болгон. Манастын бешик тоюна чакырылган элдин арасында да наймандарды көрөбүз.

Ляонун кидандык династиясы кыйрап, кидандардын анча-мынча бөлүгү (кара кытайлар) батышка оогондон кийин, Ата-Малик Жувейнинин маалыматтары боюнча 1128–1130-жылдары көчүп бараткан кара кытайлар менен кыргыздардын ортосунда кагылыштар болот. Кара кытайлар менен кыргыздардын ортосундагы байланыштар жөнүндө Рашид-ад-дин мындай деп жазат: «Журже кан Кара кытай акимине каршы чыгып, аны талкалаганда Кара кытайдын белгилүү эмирлеринин бири Туси Тайфу кыргыздардын, уйгурлардын жана Түркстандын областына кире качат». «Манас» эпосундагы кытайлардын кыргыздарды Халхадан сүрүп чыгып, илимге белгисиз мезгилдердин биринде Кыргыз каганатын талкалаган кидандар экендиги талашсыз. 1125-жылы чжурчжендерден жеңилип, мамлекетин эми кайрадан калыбына келтириш үчүн жана чжурчжендер менен согушуш үчүн плацдарм түзүүгө даярдык көрүп Борбордук Азияга чегинген, башында Елюй Даши (Ту-си Тайфу) турган кидандардын кыргыздар менен байланышта болгону талашсыз нерсе. Кыргыздар ошол кезде кайда болгон деген суроо туулат. Кидандар түндүктөгү Кызыл-Минусинск райондоруна барышканбы же алар кыргыздарды түштүгүрөөктөн, түштүк-батышыраактагы Тану-Ола же Алтай тоолорунун бир жерлеринен кездештиришкенби? Таразалап келгенде, кийинки божомол чындыкка көбүрөөк окшошуп кетет. Кыргыз каганаты бөлүнүп-жарылып, Борбордук Азиядагы XI–XII кылымдардагы чаң-тополоңдордон кийин кыргыз этносунун да майдаланып кеткендиги байкалат. Чыңгыз хандын моңголдору менен кереиттердин согушунун учурунда кереиттердин каны Тоорил кагандын уулу Сангум «кыргыздарда болчу да, кайрадан күч ала баштайт». 1199-жылы кереиттер менен моңголдордон качкан наймандардын каны Буюрук «кыргыздардын жерине кирген Кэм-Кэмжиутка качып кеткен». Рашид-ад-диндин айтуусу боюнча кыргыз областтары менен Кэм-Кэмжиут «түрктөрдүн өлкөсү», түрктөр «кыргыз областтарында жана Кэм-Кэмжиутта жашашкан». Сангум менен Буюрук түндүктөгү токойлуу зонага кайдан кетип калсын. «Юань ши» дагы, Рашид-ад-дин дагы XIII кылымдагы кыргыз өлкөсү менен Кэм-Кэмжиутту дайым эле бирдей карашпайт. Бул Селенгиден Алтайга чейин созулуп жаткан чоң өрөөн. Кыргыздардын областында, ыраакы түндүктөгү Ангара менен Енисейдин кошулуп кеткен чатында Кикас деген шаар болгон. Көтөрүлгөн кыргыздарды басууга чыккан Чыңгызхандын уулу Чжо-чи «тоңуп калган Селенга жана башка дайралардан өтүп, анан кыргыздардын областын басып алган». «Кыргыздар түндүктөгү моңгол тилинде сүйлөшкөн уруулар менен чектеш болушкан же чогуу жашашкан». Туматтар (аларды кээлер тувалыктардын түпкү атасы, түрк деп келишет) «кыргыз өлкөсүнүн чегинде жашаган өтө эле согушчан уруу болгон». «Кыргыздардын өлкөсүнүн чет жагында» булагачиндер менен кэрэмучиндер жашаган. «Кыргыздар менен Кэм-Кэмжиуттардын өлкөсүнө чектеш токойлордо» урасуттар, теленгуттар, куштемдер жашаган. Чыңгыз ханга тууган тайчжиуттардын «моңгол, кыргыз, баргуттардын өлкөсүнүн ичинде» өздөрүнүн турган жери болгон. Айрым маалыматтарга караганда Кэм-Кэмжиут областы да кыргыздардын өлкөсүнүн ичинде болгон, биз жогоруда «кыргыз жерлерине кирип кеткен Кэм-Кэмжиут олбастына кетип калган Буюрук кан» жөнүндө сөз кылбадыкпы. Ошентип, XIII кылымдагы «кыргыздардын областы» Енисейдин баш жагында гана болбогондугун билдик.

Моңголияда Чыңгыз хандын бийлиги орногондон кийин кыргыздар да моңголдордун кол алдында болуп калат, ошентип кыргыздар да Чыңгыз ханга уйгурлар менен карлуктар сыңары эле ыктыярдуу түрдө баш ийип беришет. Моңголдорго кыргыздардын, дагы башка «токой элдериндей» эле баш ийиши «Моңголдордун жашыруун тарыхынын» («Сокровенное сказание») 239-параграфында минтип жазылат: «Коён жылында (1207) Чжочи оң канатынын аскерлери менен токой элдерине каршы жортуулга жөнөтүлөт. Ага Буха жол көрсөткүч болот. Элден мурун Худуха беки өзүнүн түмөн-ойроттору менен баш ийип берет. Чжочиге андан ары ошол Худуха беки жол көрсөтүп кетет… Чжочи түмөн-кыргыздарга жакындап келет. Ошондо Чжочиге кыргыз ноёндору Еди Инал Алдиер, Олебекдигин баш ийгендерин билдиришип, ак шумкарларын, ак боз тулпарларын, суусарларын падышага тартуу кылышат. Чжочи токой элдеринин баарын моңголдорго баш ийдирет… Ал өзү менен кошо кыргыздардын миң башы, он миң башыларын, токой элдеринин ноёндорун ээрчите келип Чыңгыз ханга кезиктирет да, падышага ак шумкарларын, ак боз тулпарларын, апакай калтарларын тартуу кылууларын тигилерге буюрат. Чыңгыз хан Чжочиге ыраазы боло карап: «…Баары тең өзүңө баш ийсин» – дейт. «Юань шидеги» Чыңгыз хандын өмүр баянында Чыңгыз хан кыргыздардын элчилигине жана тартууларына жооп кылып 1207-жылы аларга эки кишини жибергендиги айтылат.

Бул китепке карасак мамиле түзүү жагы кыргыздардан башталганы көрүнүп турат. Чжочинин өмүр баянында ага түндүк-батыштагы жерлер энчиленип берилгендиги туурасында жазылып жүрөт. Бул жерлер борбордон ондогон ли аралыкта жайгашкан. Тез-тез ат которуп тынбай жүрүп олтурганда да аякка жетиш үчүн 200дөй күн керек болгон. Сөз албетте кыргыздар же токой элдери жөнүндө эле эмес, бүтүндөй Чжочинин улусу жөнүндө баратат.

Моңгол китептерине караганда 1207-жылдагы кыргыздар «түмөн кыргызуд» же «түмөн кыргыздар» эле эмес, бул өздөрүнүн он миң, миң башылары бар эл.

XIII кылымдан баштап кыргыздардын тагдыры «токой элдери» менен, өзгөчө Байкалдан Алтайга чейин созулган жерлерди, Саян-Алтай тоо кыркаларын мекендеген элдер менен тыкыз байланышкан. Кыргыздар Чыңгыз хан менен байланыш түзгөн 1206-жылы «токой элдери» Чыңгыз хандын жан-жөкөрү Хорчиге баш ийдирилип берилген. Хорчи жаш кезинде Чыңгыздын ага 30 аял алып берем деген убадасы болгон. «Хорчи үч миң эле баариндерди башкарбай, миң башылар Тахай, Ашихтар менен бирге жаңы кошулган миңдеген адаркиндерди, чиностерди, тоолестерди, теленгуттарды да башкарсын. При-эрдиштых «токой элдерине» чейин созулган жерлерде каалаганындай көчүп жүрө берсин, түмөн токой элдерин да башкарсын. Хорчиден уруксат болмоюн токой элдери көчө алышчу эмес. Өз ойлорунча кетип калуу алардын оюнда да жок болгон». Ошентип токой элдеринин Чжочиден бөлөк дагы бир чоңу бар болчу. Хорчи оюн ишке ашырмак болуп, туматтардан 30 кыз алыш үчүн барганда туматтар кыздарын бермек тургай Хорчинин өзүн туткундап алышат. Туматтарды басууга барган Чыңгыз хандын нөкөрү Борхулду өлтүрүшөт. Мындан кийин туматтарга Дорбо-Докшин жөнөтүлөт, ал туматтарды жеңип, Хорчини бошотуп келет. «Тумат элин экинчи козголбос кылып, Дорбо жүздөй туматтарды Борхулдун куну үчүн анын үй-бүлөсүнө берет. Хорчи өзүнө 30 кыз тандап алат да, Ботохай-күпчөктү (туматтардын акимшасы) Худуха-бекиге берет». Ушуну менен эле баары бүтүп калбайт. Рашид-ад-диндин маалыматтарына караганда, туматтардын көтөрүлүшүнө кыргыздар да катышкан болот. «Кыргыз менен Кэм-Кэмжиут бири-бирине кошулган коңшу эки область. Экөө биригип бир жер. Кэм-Кэмжиут – чок дайра… Кэм-Кэмжиуттун бир жак жээги найман уруусу мекендеген тоолор менен аймактар… Бул областтарда көптөгөн айыл-шаарлар бар, көчмөндөр да көп. Алардын кандарынын баарынын тең инал деген титулу (наамы) бар, а белгилүүлөрү менен кадырмандарынын тек жагынан алган аты – иди. Алардын падышасы… (жазылбай калган). Башка область болсо Еди-Орун деп аталат, алардын каны Урус-инал.

603-жылы (1206–1207) Чыңгыз хан ушул эки канга Алтан менен Букраны элчи кылып жөнөтөт. Алар Алтан менен Букрага өзүлөрүнүн үч элчисин… ак шумкарлары менен… баш ийип беришет.

Ошондон 12 жыл өтпөй Баргужин-Токум менен Байлуктагы туматтар көтөрүлүшөт, алардын көтөрүлүшүн басуу үчүн моңголдор кыргыздардан аскер талап кылышат, анткени туматтар кыргыздарга жакын жерлерде турушчу. Кыргыздар моңголдорго аскер бермек түгүл өздөрү кошо көтөрүлүшөт. Чыңгыз хан аларга уулу Жочини аскерлери менен жөнөтөт. Кыргыздардын жол башчысы Курлун болчу. Моңголдордун Нока деген эмири өз аскерлери менен алдыга жөнөйт да, кыргыздар качып жөнөгөндө сегизинчи дайрадан кайрылып келет. Жочи жетип келген мезгилде Кэм-Кэмжиутка муз туруп калган. Ал дайрадан муз аркылуу өтүп, кыргыздарды багындырат да, кайра келет». Ошентип биз бул эки китеп аркылуу XIII кылымдын биринчи чейрегинде кыргыздардын акиминин инал деген наамы болгонун билебиз. Аристократтар (же жергиликтүү ак сөөктөр) иди деп аталышчу, балким, бул сөздүн түрктүн эски сөзү или-кут менен түздөн-түз байланышы болуу керек. Ошентип бизге кыргыздын үч акиминин аты белгилүү болду. Булар – Алдиердин иналы Еди-Орун (Аны Курлун деп да аташчу, балким, ал башкы аким болгон болуу керек), Урус иналы, кандын ордун басуучу канзада-тегин Олобекдигин. Орлун 1219-жылы (Курлун 1218-жылы) моңгол аскерлеринен жеңилишке учураган. «Юань династиясынын тарыхынын» (Юань ши) моңгол империясынын жерлерин сүрөттөгөн бөлүгүндө, «Түндүк-батыш жерлери» деген тиркемесинде кыргыздар (цзилицзиси) жана аны менен коңшулаш турган элдер жөнүндө жазылган маалыматтар бар. «Кыргыздар жөнүндө айта турган болсок, адегенде Хань жергесинин кырк кызы Усынын эркектерине күйөөгө чыгышат. Бул «кырк кыз» деген сөз түркүмүнүн мааниси ошол жердин аты болуп пайдаланылып калган. Ушул жерден биз «кыргыз» деген сөздүн элдин гана аты эмес, жердин дагы аты экендигин, балким, адегенде жердин аты болуп айтылгандыгын белгилеп кетүүбүз керек. Кыргыздын жеринен түштүктү карай Дадуга (Пекин) чейин он миң лидей (5 миң чакырымдан көбүрөөк). Уламыштарга караганда мурун бул жерде (кыргыздардын өлкөсүндө) наймандар жашаган. Юань династиясынын бийликке келиши менен (1271-жыл) кыргыздарды майдалап, 9 миң түтүн кылышкан. Кыргыздардын жеринин узундугу 1400 ли (700 чакырымдан көп), туурасы болсо ушунун жарымындай келет. Цяньхэ дайрасы (Кэм, Жогорку Енисей) ушул жерди кесип өтөт да, түндүк-батышты карай агат. Андан бөлөк түштүкбатышта Апу (Абакан) дайрасы бар. Түндүк-чыгыштагы дайра Юйсюй (Ус) деп аталат. Бул дайралардын баары тең эпсиз чоң. Алар Цянь менен Ангарага кошулуп, түндүктөгү деңизге куят.

Кыргыздардын каада-салты башка элдердикинен аябай эле айырмаланып турат. Тили уйгур тилине окшош. Алачыктарда, боз үйлөрдө жашашат. Жашаган жерлериндеги суу менен чөптүн молдугуна карай көчүп-конуп жүрүшөт. Дыйканчылыкты да жакшы өздөштүрүп алышкан. Кар түшкөндө лыжа тээп аң уулашат. Бул элдин минген аттары таза кандуу жылкылардан болот, таптаган ак, кара шумкарлары болот.

Ангарлыктар – Ангар дайрасынын жээгинде жашаган эл. Элдин аты дайранын атынан улам келип чыккан. Кыргыздарга көз каранды. Дадудан (Пекинден) 25 миң ли жерде (13 миң чакырымдан көбүрөөк) турушат. Алардын тили кыргыздардыкынан аябай эле айырмаланат. Күнү узун, түндөрү кыска болот. Кеч кирээри менен союлган койлордун керчөөлөрүн куйкалап киришет. Аздан соң таң атат. Тан династиясынын тарыхында айтылгандай Ангараны бойлоп жашагандар Гуливонун жериндегилер болуп саналышат.

Усылар (усут, урсут) да дайранын аты менен аталган эл. Кыргыздардын чыгыш жагында, Цянь дайрасынын түндүгүндө жашашат. Алар теке (алтынчы ай) айынын биринчи он күндүгүндө ак боз бээ, ак бука, ак кой мууздашып, кымызды суудай агызышат. Устар дайранын кудайына сыйынышып, даарат алышат. Бул алардын түпкү атасы суудан чыккан деген уламыштан улам чыккан нерсе болуу керек.

Ханьхэна (капкана). Бул сөздүн мааниси таар каптай дегенди билдирет деп айтышат, анткени каптын оозу кичине да, ичи кенен. Алар жашаган жер капка окшоп кеткендиктен, элдин өзү да ошентип жердин аты менен аталып калган. Ханьхэналар усылардын чыгыш тарабында, Цянь дайрасын жээктеп жашашкан. Алар турган жерлер бийик болгон. Бул эл жашаган жерге алып баруучу же андан чыгып кете турган эки гана кокту болгон. Киши буту баспаган жерлери көп болот, чер токойлуу, өзөн-суу луу, тоолуу өлкө болот. Колдо баккан малдарына караганда жапайы илбээсиндери көп. Үстүндө үйү жок кедейлери алачык, боз үйлөрдү кайыңдын кабыгынан салышат, жүктөрүн ак бугуларга артып жүрүшөт. Бугу сүтүн ичишкен, кедр жаңгактарын чогултуп чагып жешкен, бир түстөгү лилия менен пиондордун тамырларын казып жешет. Кыш түшкөндө лыжа тээп, ууга чыгышат.

Цяньчжоу (кэмжиут). Бул жердин аты да дайранын атынан улам коюлган. Дадудан (Пекинден) 9 миң ли (4500 чакырымдан көбүрөөк) жерде. Кыргыздардын түштүк-чыгыш тарабында, Цянь дайрасынын түштүк-батышында, Танмулин (Танну-Ола) тоо кыркасынан түндүгүр өөгүндө. Бул жерде бир нече миң түтүн эл жашайт, баары тең моңголдор менен уйгурлар. Бир нече устаканасы бар, мамлекет орноору менен ал жакка кытайлар көчүр үлүп барылган. Жери түшүмдүү келет. Жазында жерин айдап урук сээп коюшат, сепкендерин ототуп, түптөтүп олтурбай эле күзүндө өзү чыгып калат. Кээ бирөөлөр бул жерде адегенде Ван-хан жашаган дешет.

Илань. Жыландын аты. Ушул округдун чек арасындагы тоолордо бир киши жашаптыр. Ал узундугу бир нече ондогон метр келген чоң жыландын ийнинен сойлоп чыгып дайрадан суу ичип жатканын көрүптүр. Ушул сөз далай ли (чакырым) жерге тарап кетип, бул жер ушинтип аталып калыптыр.

Чжи-юаньдын (1269) аты менен жүргөн бийликтин жетинчи жылында императордун указы менен Лю Хаоли (1227–1288-жылдар) кыргыздардын, ханьхэналардын, Цяньчжоу, И-ланьчжоу жана башка жерлердин соту (дуаньщигуань) болуп жиберилет. Ошол кезде жогоруда аталган округдарда башкаруу пункттарын түзүү үчүн склад дар, кампалар, почто станциялары салына баштайт. Буга дейре жергиликтүү элдердин көбү чыны жана ошого окшогон үйоокаттарын жыгачтан жасашкан. Жыгачты оюп суу токтоп тура тургандай тепши кылышкан. Темир эриткенди билишчү эмес, айыл чарбасына керектүү шаймандарын жасоо үчүн деле жыгачты колдонушкан. Жакшыраак оокат-кара жасаганды Юань династиясынын учурунда гана үйрөтүш үчүн ал жакка атайын усталар жиберилген. Жергиликтүү эл буларды бат эле үйрөнүп алган».

Чыңгызхан өлгөндөн кийин (1227) анын ордун Огодой (Угедэй, ал 1241-жылы өлөт) басат, анын аялы кыргыз болот. Кыргыздар жашаган жерди бир топ мезгилге чейин Чыңгыз хандын кичүү уулу Тулуй (1232-жылы өлгөн) башкарып турган. Угедэй өлгөндөн кийин бийликке Чыңгыз хандын кичүү уулунун балдары келет. 1251-жылдан 1259-жылга чейин такта Тулуйдун тун уулу Мунке (1209– 1259) отурат. Мунке өлгөндөн кийин такка Тулуйдун ортончу уулу Хубилай (1215–1294) келет. Бирок аны менен такты Тулуйдун кичүү баласы Арик-Буга (1266-жылы өлгөн) талашат. Хубилай Дадуда (Пекинде), Арик-Буга Каракорумда турган. Согуш башталып, 1264-жылы АрикБуга жеңилет. Кийинчерээк Хубилайга каршы Угедэйдин небереси Хайду (1255–1301) чыгат, ал Чыңгыз хандын башка укум-тукумдарына кошулуп жаңы согуш баштайт. Хайдунун күч алып, согушуп чыккан жери кыргыздар мекендеген Алтай, уйгурлардын мекени Хотан болот. Хайду ушул согушта алган жаратынан оңоло албай көз жумат. XIII кылымдын ортосунан баштап кыргыздардын тагдыры ушул жүрүп турган согуштар, коңшулаш турган ойроттор менен тыкыз байланышта болот.

Ошол мезгилде кыргыздар жашоо шартына жана чарбачылык жүргүзүү мүнөзүнө карап эки топко бөлүнүшөт. Биринчиси, мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты кесип кылган талаа кыргыздары. Экинчиси, мал чарбачылыгын жана аңчылыкты кесип кылып, Енисейдин баш жактарындагы тоолуу жерлерде жашаган токой кыргыздары, Енисейдин баш жагындагы кыргыздардын коңшулары ойроттор болгон, алар туматтарды сүрүп чыгып Сегиз суунун тегерегинде жашашкан. Кыргыздар жана башка түрк элдери менен болгон тыкыз байланыштар ойроттордун тилине да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Алар жашаган жердин аты да түрк сөзү «секи» менен моңгол сөзү «муренден» турган. Енисейге Кемчик дайрасы куйган жер «Кемчик-Бору» деп аталган. «Кемчик» түрк тилинен которгондо «аз суу» дегенди билдирет, «борук» болсо ойроттун «аска тоолор» деген сөзү. Биз жогоруда көптөгөн жерлердин жердин шартына, ыңгайына карап, же ошол жерден агып өткөн суунун аты менен аталып калгандыктарына күбө болдук. «Кемчик-Борунун» жаратылыш өзгөчөлүгүн көрсөтүш үчүн ойроттор бул жерди «бору» деп аташкан. Кыргыздардын бир бөлүгүнүн «бурут» деп аталып калышы да, алар жашаган аска-зоолуу жерлер менен байланышкан болуу керек. Кийинчерээк «бурут» деген этноним менен ойроттор кыргыздардын баарын аташкан. Кыргыздарды кийин «бурут» деп маньчжурларга, Цин династиясынын маньчжур жана кытай тексттерине (XVII–XIX кылымдар) да өтөт. Кыргыздардын өзүнүн ичинде да бурут деген ат айтылып жүргөн болуу керек. Манастын атасы «Жакып кыргыз, ал – бурут». Манас жөнүндө карган калмак минтип түкшүмөлдөйт: «Мобул бурут кимдин баласы?» Эгер ойроттор токойлордо жашашса, кыргыздар тоо арасын мекендешкен. Орустардын жана европалыктардын эски илимий адабиятындагы тоолорду мекендеген кыргыздарга тиешелүү «тоолук кыргыздар» деген атты эстей кетсек болот, ошол эле кезде талаа-түздү мекендеген казактарды «тоолук» деген сөзү жок эле жөн гана кыргыздар деп коюшчу. Орустардын «тоолук кыргыздар» деген сөзү ойроттордун кыргыздарга койгон бурут деген эски атынын котормосу болушу да мүмкүн. Бурут менен кошо эле моңголдор кыргыздарды кэргют деп да аташкан.

XIII–XIV кылымдардын аралыгында кыргыздар монгол жана кыргыз жазуулары боюнча ойроттордун угэлэт, балагут, хойт жана киргиз деген төрт түмөнүнүн ичинде болушкан. Кыргыздар ойрот конфедерациясынын составында өз алдынчалыкка ээ болгон. Арык-Бугу менен Хубилайдын кармаштарында Арык-Бугунун аскерлеринин негизги бөлүгүн ойроттор менен кыргыздар түзгөн. Арык-Бугу жеңилип, Хубилайга кулдук уруп турганда, Хубилай ага Алтайдагы, Текедеги жана Кыргыздагы жерлерди калтырат. Ушул кезде кыргыздардын бир бөлүгү ойротторго кошулуп Енисей-Иртыш дайраларынын ортосундагы өрөөндөн Чыгыш-Тянь-Шандагы Алтай-Хангай тоо кыркаларын карай көчүп кетиши да ыктымал. Согуш кыргыздарды ар кайсы тарапка ыдыратып чачат. 1275–1276-жылдары кыргыздардын бир бөлүгү көтөрүлүп чыгат. Көтөрүлүш басылган соң кыргыздардын чоң бөлүгү Батыш Маньчжуриядагы 1277-жылы негизделген округдун жаңы борбору Чжаочжоу шаарына көчүрүлөт.

Хайду менен Хубилайдын ортосундагы согуш да кыргыздарга бир топ мүшкүлдөрдү кошо ала келет.

Алтай-Хангай тоолорун мекендеген кыргыздар Хубилайдын буйругу менен 9 миң түтүндүү Баяндын (1236– 1295) түмөнүнө бириктирилет да, Монголиянын ички райондоруна көчүрүлөт. 1290-жылы моңголдордо кызмат кылган кыпчак Тутух Хубилайдын буйругу менен Алтайдагы Хайдуга каршы жортуулга чыгат да, бул жортуулдун натыйжасында 3 миң үй-бүлө көчүрүп келет. Тутух андан кийин Енисейдин башын мекендеген кыргыздарды баш ийдирет. Хайду кыргыздарды куткарып алмакчы болот, бирок жеңилип калат. Кыргыздардын дагы бир бөлүгүн моңголдор Хубилайдын ички жерлерине көчүрүп алып келишет. 1289-жылы бийлик башындагылар Каракорумда жашаган кыргыздардын эсебин алышат, кедей-кембагалдарга жардам көрсөтүлөт. 1293-жылы кыргыздардын бир тобу Чжирхэхусотай деген жерден Маньчжуриянын түштүк-чыгышындагы Ляодун провинциясындагы Хэсыхе районуна көчүрүлөт. Алтайдагы кыргыздардын дагы бир тобу 1295-жылы күч менен Шаньдунга көчүрүлөт. Ляодунда да, Шань-дунда да кыргыздар аскер келгиндери катары отурукташтырылат. XIII кылымдын акырында кыргыздар ары-бери көчүрүлө берип аябагандай эле бытырап кетет. Кыргыздарды минтип зордуктап көчүрүү XIV кылымдын биринчи жарымынан 1389-жылы Юань династиясы кулаганга чейин деле улана бериши мүмкүн.

XIV кылымдын акыркы отуз жылдыгында – XV кылымдын башында кыргыздар ойрот-моңгол согушуна, Моңголиядагы бийлик үчүн болгон согушка да активдүү катышат. Алар ойротторго кошулушуп, ойроттор тарабында согушат. XIV кылымдын акырында кыргыздардын акими Угэчи-Кашка моңголдор менен ойроттордун көбүнүн үстүнөн бийлик жүргүзүп калат. Моңголдордун акими Эльбек хан ойрот Хутхай-тафунун жардамы менен күйөөсүн өлтүрүп, өзүнүн келинчеги Ульд-зейту-Гоаны кайра алат. Ульдзейту-Гоа Хутхай-тафудан өчүн алыш үчүн аны аз жерден зордуктап сала жаздады деп айыптайт. Эльбек хан Хутхай-тафуну өлтүрөт. Кийин жаңылып калганын сезген Эльбек хан Хутхай-тафунун уулуна кызын, ойроттордун төрт түмөнүн берет. «Мэнгу юаньлюеде» «ойрот кыргызы Угэчи-кашка» делген кыргыз акими Угэчи-кашка Хутхай-тафунун уулу « Батула-чинсанга ойроттордун берилишине ачык эле каршы болот. Эльбек хан менен Батула-чинсангддар өзүн өлтүргөнү жатышканын угуп, ал ойроттор менен моңголдордун көбүн баш ийдирип алат. Кыргыз акиминин мындай күчкө ээ болушу, албетте, моңголдор менен ойроттордун билермандарына жакпайт. Ал бийликти беймыйзам талашып алган зордукчу катары аталып калат. Тарыхка Угэчи-кашка жаман ат менен ошентип кирип калган. Моңголчо анын Мэнкэ-Тэмур деген жакшы аты болгон, Угэчи (Гуйличи) анын шылдыңдап коюлган аты, моңголчодон которуп келгенде ал «уйчу» дегенди түшүндүрөт. Моңгол-ойрот билермандарынын түртүспөлүн көргөн Мэнкэ-Тэмур тактан баш тартып, бийликти Эльбек хандын уулу Гун-Тэмурга өткөрүп берет. Эки жылдан кийин кайрадан өз күчүнө келген Мэнкэ-Тэмур (Угэчч-Кашка) бийликти кайрып алат. Ал Юань династиясынын Моңголияда дагы эле сакталып калган эски атын өзгөртөт да, мамлекети менен элине Дадань (татарлар) деген ат берет. 1415-жылы Угэчи-Кашка өлөт. Ал бийлик жүргүзгөн 1403–1408-жылдары кыргыздардын бийлигине нааразы ойроттор менен алда нече жолу согуштар болот. Өзү өлөөрүнө бир нече ай калганда гана Угэчи-Кашка Бутулай-чинсангды өлтүрөт, бирок өз жеңишинин үзүрүн көрө албай калат. Угэчи-Кашканын мураскору Батулачинсангдын жесирине баш кошот да, хан тактысында 11 жыл бою былк этпей олтурат.

Этникалык жактан кыргыз болгон Мэнкэ-Тэмур хан өз жерин эмнеликтен Татардыкы деп эсептеген деген суроо туулушу мүмкүн. Ошондо «Бир кезде даңкы таш жарган» татар деген ысымды алыш түрктөрдө кеңири тараган. Рашид-ад-диндин айтуусу боюнча Хитай, Хинда, Синда, Чинде, Мачинде областтарында, кыргыздардын өлкөсүндө жана башка райондордо татарлардын күчтүү болуп турганына байланыштуу түрк урууларынын баары өздөрүн татарларбыз деп аташкан. Азыркы хакастар да өзүлөрүн татарларбыз деп эсептешет.

1399–1425-жылдары Ойратия менен Моңголияда бийлик жүргүзүп турган кыргыз акимдери Чыгыш Түркстан, өзгөчө Хами менен соода байланыштарын түзүүгө көңүл бурушкан. 1407-жылы Мэнкэ-Тэмур Хаминин акимин өлтүрүп, аялын олжолоп алат. Ал Хами базарын жылкы сатып соода жүргүзүү үчүн пайдаланат. Бешбалыктын акимдери Хаминин үстүнөн ойроттордун бийлик жүргүзгөндөрүнө нааразы болушат. 1421-жылы ойроттор Хамини экинчи ирет ээлешет. Моголистанга жортуулга чыгышат. Бул жортуулга кыргыздар да катышып, Ысык-Көлгө, батыш Тянь-Шанга чейин барышат. Мэнкэ-Тэмурдан кийин бийликке келген Эсэху хандын өлүмү ойрот конфедерациясындагы кыргыздардын бийлигинин акыры болот. 1426-жылы моңголдор ойрот союзун талкалайт. Бул кыргыздар ошондон баштап ойрот урууларынын арасында жашабай калды деген сөз эмес. Китептерде моңголдордун кол астындагы ар кайсы райондордо жашаган кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар бар. 1430-жылы ойроттордун арасындагы Бебер башкарган кыргыздардын түмөнү жөнүндө эскерилет. Мин Кытайы менен соода жүргүзгөн Чыгыш Түркстандын жерлеринин арасында Кашгар,

Илибали, Хами менен бирге анча чоң эмес Кыргыз району да аталат. Бул Мин доорунда Чыгыш Түркстанда жашаган кыргыздар жөнүндөгү эң алгачкы маалыматтардан болушу керек. Кыргыздар Моңголияда да өз таасирин жоготушпайт. 1439-жылы моңгол-ойрот акими чыгыш моңголдорунан чыккан Тотобухуа болгон, анын чинсанги кыргыздардын түмөн башчысы Абабарци эле, оң чинсанги чоростордун акими Тогон болгон, сол чинсанги хопттордун акими Эньке болгон. Көп өтпөй Тогондун уулу Эсен моңголдордун баарынын ханы болуп калат. 1449–1450-жылдары кыргыздардын түмөнү да кошулган ойроттор менен моңголдордун бириккен армиясы Пекинге жортуулга чыгат. Пекиндин өзүн ала алышпаганы менен кытай императорун колго түшүрүп алышат. Ушул жолку жортуул «Манастагы» Бээжинге болгон чоң казат болуш керек деп толук ишеним менен айтууга болот. 1459-жылы Эсен хан өлгөндөн кийин моңгол-ойроттордун ичинде кайрадан чыр-чатак, бири-бири менен кармаш башталат. Ушундай күрөш күчөп турган мезгилде такка Магу-кэрцзиси деген келет, ал хандыкты кайрадан Татардыкы (дадань) деп жарыя кылат. Магу-кэрцзиси бийликте көпкө турбайт, аны өлтүрүп коюшат. 1468-жылы моңголдор ойротторду талкалайт, ошону менен 1399-жылдан 1468-жылга чейин Моңголияда өкүм сүрүп турган ойрот конфедерациясынын таасири такыр эле жокко чыгат. 1469-жылы башында Эсен хандын уулу Хоэрхуда турган ойроттордун бир бөлүгү түндүккө көчүп кетет, дагы бир бөлүгү чыгышка көчө качат. Ойроттордун негизги бөлүгү (кээ бир маалыматтарга караганда 40 миң түтүн) азыркы Синьцзян провинциясынын чыгыш тарабындагы Хами-Баркуль районуна оойт. Абабарцы башында турган кыргыздардын түмөнү Чыгыш Тянь-Шандагы Хаминин тегерек-белине көчөт. Балким, бул Чыгыш Түркстанга көчүп кеткен кыргыздардын чоң тобу жөнүндө айтылган маалыматтардын алгачкыларынан болуусу да мүмкүн. Кийин ойроттордун акими Аши-Тэмур Могулистанга жортуулга чыгат. Ойроттордон Или дайрасынын жээгинде жеңилип, Юнус хан өзүнүн улусу менен батыштагы Фергана тарапка чегинет. Ушул жылдары Могулистанда кыргыздар да пайда болушат. 1484-жылы кыргыздардын башчылары Юнус хандын уулу Ахмед ханды такка көтөрүшөт. Ойроттор Алачихан («кан ичер кан») дешкен Ахмед хан ойротторду алда нечен жолу талкалап, алардын батышка болгон жортуулун токтотот.

1504–1505-жылдары Султан Халиль-Султан кыргыздардын падышасы болуп калат. Могулистандын акимдеринин ортосунда болгон кармашка кыргыздар да көп катыша баштайт. 1514-жылы Мухаммед Кыргыз Султан-Саидге Кашкарды каратып алганга, казактын Тахир-Султанына Түркстан менен Сайрамга каршы жасаган жортуул дарына жардам берет. Мына ошол Мухаммед Кыргыздын тушунда кыргыз уруулары Моголистанда бийлик жүргүзө баштайт. Анын падышачылыгынын учурунда кыргыздардын бийлиги Ысык-Көл, Жети-Суу областтарына чейин таркайт. Мухаммед Кыргыздын ордосу Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоонго чукул жерде болгон. XIV кылымдын башында кыргыздарда да эл оң канат, сол канат болуп бөлүнө баштайт, бул Борбордук Азиядагы түрк-монгол элдериндеги салтка айланып калган нерсе эле.

XIV кылымдын ортосунда ойроттордун кыргыз-казакка болгон күрөшү күчөйт. Ойроттор Сыр дарыя боюндагы шаарларга, Орто Азиядагы соода борборлоруна жетишке тырышат, анткени алардын Кытай менен болгон соодасы 1540-жылдан кийин начарлап кетет. Англис саякатчысы А. Женкинсон 1558-жылдагы казактардын Ташкен үчүн, кыргыздардын Кашгар үчүн болгон согушу туурасында кабарлайт. Кыргыздар ошол мезгилдеги казактардын ойроттор менен Шейбаниддерге каршы болгон согушунда казактар тарабында болушат. Казактар менен кыргыздар «казак-кыргыздардын падышасы» делген Хакк-Назарды монголдор талкалайт. Хакк-Назардын аялы колго түшөт. Хакк-Назар моңголдорду алыс узатпай Ничугунь-Хасалакэ деген жерден кууп жетип, катуу кармашта аларды жеңип чыгат. XVI кылымдын 80-жылдары кыргыздар казактын Тевеккель Султанын анын Шейбаниддерге каршы болгон согушунда колдоого алышат. Тевеккель Султан кайсы бир мезгилге чейин ойротторду баш ийдирип турат. Кийинчерээк чоростордун акими Харахула бытырап кеткен ойрот урууларынын башын бириктирип, XVII кылымда Жунгар хандыгын түзүүгө шарт түзүп коёт.

Ошентип кыргыздардын майдаланып кетиши жана «кыргыз» деген этнонимдин кыргыз элинен башка жактарга да таралып кетиши Кыргыз каганатын түзүүгө негиз болот. Кыргыздар Кыргыз жана Кем-Кэмжиут өлкөсүнөн да тышкары жактарга чыгып кетишет. Алар эми Амурдун башынан Кашкарга чейинки каганаттын жергесинде кенен-кесири жайылып жашамак. Бул айтылган жерлерде бир кылым мезгил каганаттын бийлиги жүрүп турмак, ан үчүн бийлик башындагы генералдар, төрөлөр керек болчу, коңшулаш бир тууган түрк урууларын «кыргыздаштыруу» да керек эле. Ушул кезден тартып кыргыз деген этнонимдин мурда түрк, кийин татар, моңгол этнонимдери сыңары эле түрк, түрк эмес элдерге карата көп колдонула баштагандыгын көрүүгө болот. Бул азыркы биз көп байкап жүргөн көрүнүштөрдүн бири. Америкалыктар үчүн совет өлкөсүндө жашагандардын баары тең «орустар», а кытайлыктар менен жапандар үчүн «советтиктер».

Кыргыз каганатынын кыйрашы, анын мааниси азыр жакшылап изилдене элек. Керек болгон маалыматтардын жоктугунан аны изилдеп-үйрөнүү да өтө кыйын. Кыргыздарды сүрүп, бир кезде талкалап кидандар («Манас» эпосундагы кытайлар), Халхадан сүрүп, анча-мынча моңголдоштурган монгол-татарлар болушу керек. Кыргыз каганаты бытырап, Юань доорунда мурунку уламыштар боюнча наймандар турушкан жерлерде жашап калат. Кыргыздарды наймандар да талкалаган. Кейпи XII кылымдагы кыргыздардын областы XIII кылымда Моңголияда Чыңгыз хандын бийлиги орноп, Кыргыздар менен Кэм-Кэмжиут өлкөсү тарып калгандан башкача чоңураак, кененирээк эле болушу керек. Наймандар менен кереиттердин кыргыздарга тиешеси жок деген күндө да, кыргыздар канглар жашаган Алтай менен Иртышта болушкандыгы туурасында кыйыр маалыматтар бар. Саян-Алтай, Алтай менен Иртыш кыргыз-найман, карлук-кыпчак мекендеген Борбордук Азиянын түндүкбатыш жерлери, ал жерлерде теленгуттарга окшогон башка түрк этностору да болгон. Кыргыздар, Кыргыздар жана Кэм-Кэмжиут өлкөсү жөнүндөгү маалыматтар аз, Рашид-ад-диндин берген маалыматтарында да чаташкан жерлер аз эмес, ошентс е да бул эки өлкөнүн коңшулаш өлкөлөр экени же Кэм-Кэмжиуттун кыргыз жергесине кирип кетерлиги да анык эмес.

Чыңгыз ханга баш ийип турган мезгилдеги кыргыздар аябагандай жери кенен, өзүнүн миң башылары, он миң башылары бар чоң эл, чоң журт. Борбордук Азия боюнча жазылган изилдөөлөргө караганда он миң башы деген наам ал киши башкарган область он миң аскер бере ала турган, миң башы деген наам ал киши башкарып турган область миң аскер бере ала турган кишилерге ыйгарыла турган наам болгон. Кыргыздардагы миң башы менен он миң башылардын болушу ошол региондогу кыргыз мамлекетинин бийлигинин жүрүп тургандыгынын айкын күбөсү. Рашид-ад-диндин айтуусуна караганда кыргыздарды бул мезгилде иналдар менен иддер (куттар – ?) башкарган. Кыргыздар 1207-жылы өздөрүбү («Юань ши») же Чыңгыз хандын айтуусу боюнчабы моңголдорго көз каранды экендиктерин мойнуна алышкан. «Тува тарыхында» туура белгиленгендей, моңголдордун кыргыздар менен болгон байланышы ошол региондогу кыргыздардын саясий бийлигинин күбөсү. Бир нече жылдан кийин Чыңгыз ханга уйгурлар менен кангылардын баш ийгендигин билебиз. Чыңгыз хан түрктөр менен байланышына да аябай ишенген. 1218–19-жылдары кыргыздар көз каранды эл катары Чыңгыз хандын буйругу боюнча көтөрүлгөн туматтарды басышы керек болгон. Бирок алар туматтар менен согушуудан баш тартышат. Бул моңголдорго каршы чыккан козголоң болчу, эми кыргыздарды тынчытуу үчүн Чыңгыз хандын тун уулу Чжочи жиберилет. Бул мезгилде кыргыздардын бардыгы тең Курлун деген гана акимге баш ийишчү. Чжочи өзү баш болуп Енисейдин башына чейин барат. Кыргыздарды алар аябагандай талап-тоношот, ар кай тарапка кубалашат.

XIII кылымдан тартып кыргыздар ар кайсы китептерде «токой элдери» менен кошо эскерилгени менен алар «токой элдери» менен аралашкан эмес. (Маселен, «Жашыруун тарыхта») XIII кылымдын экинчи жарымында Юань империясынын ичине кирген кыргыз област ы жөнүндө маалыматыбыз бар. Кыргыздардын бул областында тогуз миң түтүн же болбосо болжол менен 45–50 миң киши болгон. Азыркы кытай тарыхчылары кыргыздардын минтип 9 миң түтүнгө бөлүнүшүн көтөрүлүштү баскандан кийинки Чжочинин иши деп эсептешет. Бирок канткен менен да бул райондогу кыргыздар күчтүү боюнча кала беришкен, анткени аларга негизинен өзүлөрүн «ангарлыктар» деп эсептеп коюшкан Енисей боюнда жашаган элдер баш ийишкен.

XIII кылымдын экинчи жарымында кыргыздар чыңгыздердин бийлик үчүн болгон күрөшүнө кошулуп кетишет. Акыры келип кыргыздар дагы көчүп кетүүгө мажбур болушат. Алар Монголиянын борбору болгон Каракорумда, батыш Маньчжурияда (Чжаочжоу), Ляодунда, Шаньдунда жашап турушат. Кыргыздар чыгыш тараптагы жерлерге эле ообой, бир бөлүгүн Хубилайдын душмандары Алтайга, Монгол Алтайына, же балким, Чыгыш Түркстанга көчүрүп ийиштери да мүмкүн.

Юань династиясынын кыйрашы менен кыргыз тарыхында ойрот мезгили башталат, кыргыздардын бир бөлүгү ойрот конфедерациясынын составында болуп калат. Кыргыз башчыларынын бири Мэнкэ-Тэмур (Угэчи-Кашка) моңголдорго хан болот. XIV кылымдын аягында – XV кылымдын башында ойрот-моңгол-кыргыз отряддары батышка жасаган жортуулдарында нечен ирет ЫсыкКөлгө чейин жетишкен. 1399-жылдан 1468-жылга чейин ойроттор Моңголияда жеңип да, жеңилип да турушкан. Кыргыздар да алар менен кошо болгон. Ушул жортуулдар, согуштар Борбордук Азияда өзүн кыргыз деп атаган элди (элдерди) ар кай тарапка чачкан. 1430-жылы кытай жазуусунда биринчи жолу Чыгыш Түркстандагы Кыргыз областы туурасында айтылат. Мин доорунда Енисейде калган кыргыздар урянхайдын (бу) үчтөн бир бөлүгүнө кирип кетет. Алар Доянь кароолунун аскердик-административдик кошуунунда болгон.

Ойрот конфедерациясынын учурундагы күчтүү кыргыздар XV кылымдын экинчи жарымында ойрот урууларынын негизги тобу менен Хами-Баркуль районуна көчүп кетет. Кыргыз түмөнү Чыгыш Тянь-Шандагы Хаминин тегерегинде жайгашат. XV кылымдын экинчи жарымында кыргыздар Могулистанда бекем отурукташат. Мухаммед-Кыргыздын учурунда кыргыздардын бийлиги Ысык-Көл, Жети-Сууга чейин жеткен. Кыргыздар ойротмоңгол өлкөлөрүндөгү, Орто Азия менен Казакстандагы болгон окуялардын баарынын активдүү катышуучусу болгон. «Манас» эпосунда Чыгыш Түркстандагы кыргыздар жөнүндө, алардын ойрот-калмактар менен болгон карым-катнаштары туурасында сүрөттөлөт. Манастын атасы Жакыптын Иленин баш жактарында жайыттары болгон, аны ага ойроттор берген.

Ал ойротторго көз каранды болгон үчүн, пайдаланган жайыттары үчүн салык төлөгөн:   Отуз жылкы, беш атты, Жайыт үчүн төлөймүн.

Элдин бытырап кетиши, ар кайда чачылып кетиши «Манас» эпосунун негизги лейтмотивдеринен десек болот. «Элибизди жоготтук», – дейт Жакып. Ал өзү да Котон (Катунь) дайрасы, Суушань (Суншань, Карагайлуу тоолордун жаны) көлү тараптан көчүп келген. Ал буддист-сарттардын арыгын казат, ал кыргыздар мусулман динин биле элек мезгилде жашайт. Кыргыздардын Алтайды ашып кетишин Жакып минтип сүрөттөйт: «Ата-бабаларыбыз кыргыз уруусунан, жерибиз – кең Алтай». «Алтайдан келгендердин башы болчу бай Жакып».

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылардын көбү Енисей кыргыздары менен Тянь-Шань кыргыздарынын ортосундагы байланыштын бар экендигин жокко чыгарбайт.

Бул жерде дагы бир тактап кетүүчү нерсе, кыргыз деген этноним тарыхта кененирээк мааниде да колдонулушу ыктымал, анткени Моңгол мамлекети кыйрагандан соң ойрот-кыргыз хандары Татар мамлекетин калыбына келтирүүгө тырышкан болуу керек. Канткен күндө да бул тарыхты бардык тилдердеги колдо бар тарыхый маалыматтар боюнча изилдеп чыгуу милдети алдыбызда турат.

Т. БЕЙШЕНАЛИЕВ

КЫРГЫЗ ХАНЫ  МӨҢКӨ-ТЕМИРДИН ӨМҮРҮ

I

Кыргыз эпосу «Манас» жана ойрот эпосу «Жангардын» поэтикалык саптарын бир нече жолу окуп чыгуу менен, мени кызыктырган нерсе кыргыз элинин жана Манастын негизги душмандары калмактар («ойроттор») болгон деген далил болду. Ал эми калмактар менен монголдордун пикири боюнча Жангардын жана анын жоокерлеринин душмандары мангастар болгон. Алардын кол башчылары Ахтар Хар Мангас, Ол Галзан Мангас, Ол Шар Мангас, Шара Мангас ж. б. ушул сыяктуу аттар менен белгилүү. Мангас – монгол-ойроттук тилдин так эмес айтылышынан келип чыккан кыргыз ханы Манас болушу мүмкүн.

Окумуштуулардын «Манас» жана «Жангар» эпосторунун жаралышы XIV–XV кылымдарга туура келет деген пикири белгилүү. Бул дал келүү бекеринен болбосо керек. Буга орто кылымдардагы жазма баяндарда кыргыздар менен ойроттор ойроттук конфедерациянын (элдер бирикмеси – котормочу) курамында тыгыз байланышта болгондугу далил боло алат. XIV кылымдын аягы – XV кылымдын башындагы кытайлык баяндарда кыргыз ханы жана колбашчысы Мөңкө-Темир жөнүндө айтылат. Мөңкө кытай тилинде Манастын атын түшүндүрөт. Ошентип биздин алдыбызга Манас – Мөңкө деген аттардын тизмеги тартылат.

Эми окурманым, ортоңку кылымга кайрылып, башкы каар ман баянын баштайлы.

Моңголдук Юань (1271–1368) империясы кулагандан кийин, кытай булактарында баяндалган башаламан мезгил башталат. Чыңгысхан негиздеген борбордук-административдик системанын негизи тездик менен бузула баштайт. Борборго умтулган күчтөрдүн ордун салыштырма түзүлүштөрдүн өсүшүнө шарт түзгөн башка күчтөр ээлейт.

XIV кылымдын акырынан – XV кылымдын башына чейин моңгол-ойрот дүйнөсүн улуу хандын тагы үчүн болгон талаштар менен бирге курч саясий чыр-чатактар дүңгүрөтүп турган. Мин-Шиде 1380–1400-жылдардын аралыганда хандыкта беш хан алмашылганы жана ал хандар өз ажалынан өлбөгөндүктөрү жөнүндө маалымат берилет.

Кытай жана монгол булактарында ойроттук элдер бирикмесинин курамына кирген кыргыздардын бийликке болгон күрөшкө активдүү катышып, бир канча мезгилге чейин өз үстөмдүгүн орнотуп келгендиги айтылат.

Кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалымат Мин доорунун XIV к. аягында Мөңкө-Темирдин такка келиши менен белгиленет. Мөңкө-Темир бийлик кылган мезгил ийгиликтүү болду деп эсептесек да болот, анткени ал кандык кылып турган кезде (1399–1415) ойроттор жана моңголдорду кол алдына бириктирип баш ийдирген. Көптөгөн жылдар бою тынчыбай турган саясий кырдаал аз да болсо өз калыбына келген. Бирок өлкө ичиндеги саясий күчтөрдүн тең салмактуулугу жок болучу да мезгил-мезгили менен алардын ортосунда кагылышуулар чыгып турган. Ошого карабастан түрк жана монгол урууларынын биригишине болгон кыймыл күч ала берген. XV кылымдын биринчи жарымынын акырында, ойроттордун, анын ичиндеги кыргыздардын күч кубаты Борбордук Азияда жогорку чекке жеткен. Кытай булактарында Юань бийлиги кулагандан кийин моңголдор менен ойротторду өз кол алдына бириктирген кыргыз ханы Мөңкө-Темир жөнүндө толук маалымат болбосо да, биз мүмкүнчүл үгүбүздүн жетишинче Борбордук Азия тарыхындагы бул тарыхый инсандын турмуш жолун айтып берүүгө аракеттенебиз.

Ошентип Чыңгысхан токой арасында жашаган элдерди басып алгандан кийин аларды ойроттордун төрт түмөнүнө (дэрбэн түмөн ойрот) болгон. Кыргыздардын жана ойроттордун жайланышкан аймактары 5 округга бөлүнгөн – Цирцзиси (кыргыз), Ханьхэна, Усы, Иланьчжоу, Цзянчжоу. Ойроттор да административдик жана жер жагынан ушул округдардын ичине кирип, бир региондо узак убакыт бою чогуу жашап туруу алардын бири-бири менен социалдык-экономикалык жана маданий жактан тыгыз байланышына алып келген. Кытай булактары белгилегендей Ойроттук конфедерация Элутэ (ойрот), Бахатуте, Хойт жана кыргыз деген төрт кандыктан турган.

Тилекке каршы, тарыхый булактарда Мөңкө-Темирдин туулганы, ата-бабасы жөнүндө маалымат жок, ошого карабастан биз Мөңкө-Темирдин түп-тамырынын келип чыгышын моңгол-ойроттук жазма баяндардан изилдеп көрөлүк.

«Алтын Тобчиге» таянсак Дэрбен-ойроттордун алгачкы ата-бабасы Дува Сохор болгон. Атасы тарабынан алсак Дува Сохор атактуу Бортэ-Чинодон келип чыгат. Төрт ойроттун таралыш тарыхы төмөнкүдөй: Бортэ-Чинонун эки уулу болгон – Бэдес хан (ханзаада Бэдэ), Бэдэ-Цаган (Ак Бэдэ). Бэдэ-Цагандын уулу Тамачах. Анын уулу – Хоричар-Мэргэн (Хоричар көзгө атаар). Анын уулу Ихэ Нидун (Чоң көз). Анын уулу Горхолджин Баяндын уулу Барджигидай. Горохолджин Баяндын аялы Барахчин-Бадан Дува Сохор жана Доной, Докшин (каардуу), Емлик (аргымак) жана Эрхэ (бийликтүү) туулуп, алар төрт ойрот биримдигин түзүшкөн: Огэлет, Багатуд, Хойт жана Кэрэдгуд (кыргыз). «Эрденийин-Тобчиде» Дува-Сохордун: Доной, Докшин, Эмлэк жана Эрхэ деген уулдары ойроттордун угэлэт, багатуд, хойт жана кэрэдгуд (кыргыз) деген төрт туусун негиздешкендиги жөнүндө маалымдалат. Эрхэ (бийликтүү) ойрот конфедерациясынын бөлүгүнө кирген кыргыз уруу биримдигинин негиздөөчүсү болуп калган. Кыргыз ханы Мөңкө-Темирдин ата-бабасы так эле ошол Эрхэ (бийликтүү) болушу мүмкүн. Мөңкө-Темир-Дадани (татар) деген хандын наамы ыйгарылганга чейин кашка деген наамды алып жүргөн. Бул наам – бек деген наам менен бирдей болгон.

Кымбаттуу окуучум, сизди кыргыз хандыгы туурасында моңголдук булактардан алынып жаткан маалымат тар ойго салбай эле койсун. «Моңгол, калмактар менен аралашып кеттик, Мамыр, кенен Алтай жергебиз биз дин», – деп айтылат кыргыз эпосу «Манаста», бул саптар кыргыздардын моңгол-ойроттор менен чогуу жашап турган тарыхый доордон жакшы кабар берип турат. Борбордук Азиянын көчмөндөрү үчүн бийлик кылууч у уруулардын атын алуу адатка айланган нерсе болучу. Кыргыздар башка түрк уруулары менен кошо моңгол-ойрот дүйнөсүндө чогуу жашап турушкан. Мисалы, Абульгазы мындай деп жазган: «Накта кыргыздар аз калды, бирок бул кыргыз деген ат менен өздөрүн моңголдор (түрктөр) жана башка алардын мурдагы жерлерине көчүп келе баштаган уруулар атай башташты». Мындан кийин Борбордук Азияда моңголдор ээлик кылып турган убакта Рашид-ад-дин белгилегендей: «Сырткы кейпи, түзүлүшү, тили жана үрп-адаты байыркы кезде кичине айырмаланган менен да окшош болуп, хитай жана журжэ, нангяс, уйгур, кыпчак, түркмөн, карлук, калач, туткунга түшүп келгендер жана тажик элдерин моңголдор деп атай башташкан. Ушул элдер «өзүлөрүнүн аброюн көтөрүш үчүн да өздөрүн моңгол деп атоо пайдалуу» – деп билишкен.

Окуучулардын көңүлүн кыргыз башкаруучусунун атына келгендиги моңгол жана кытай тарыхый булактарындагы кээ бир чаташууларга бургум келет. Далилдерди тактап салыштырып келгенде кытай булактарында ойроттук конфедерациянын башчысы катары белгилүү болгон Угэчи-кашка, Гуйличи жана Мөңкө-Темир тарыхый бир гана киши. Анын чын аты Мөңкө-Темир, ал тексиз жерден чыкканына (ал чыңгызид эмес болучу) байланыштуу моңголдор менен ойроттор жек көрүү менен «волопас» деп аташкан, ал эми кытай транскрипциясында «Угэчи» жана «Ууйлучи» деп берилет. Мындан ары биз каарманыбыздын атын чаташтырбаш үчүн Мөңкө-Темир деп өз атынан атайбыз, бирок бул аты да кытай тилинде туура эмес айтылып калган. Бул жөнүндө окуучум, Ойротия менен Монголиянын башкаруучусу кыргыз ханы МөңкөТемирдин мындан аркы тагдырын көңүл коюп окусаңыз анан барып толук түшүнөсүз.

Кытай жана монгол чыгармаларында кыргыз ханы Угечи-кашканын такка келиши жөнүндө кызыктуу тарыхтар айтылат.

Эльбек хан (монгол ханы) ойрот Хутхай-Тафунун жардамы менен татынакай болгон Ульдзейту-Гоага үйлөнгөн.

Ал эми Ульдзейту-Гоа Хутхай-Тафудан күйөөсүнүн өчүн алууну чечет да ал жөнүндө ушак ойлоп табат. Ачуусу келген Эльбек хан Хутхай-Тафуну өлтүрүп кийин жаңылыштык кылгандыгын сезет да, Хутхай-Тафунун уулу Батулуну сыйлоону чечип, ага өзүнүн кызы Сасур ханышаны алып берет, андан бөлөк чинсанга деген наамды жана 4 түмөн ойротту башкарууга берет. Эльбек хандын бул жоругу кыргыздардын жол башчысынын жана ойроттордун чыныгы башкаруучусунун кыжырын кайнаткан.

Кытай маалыматтарына караганда Ойроттук кыргыз Угэчи-кашка (Мөңкө-Темир) бул жаңылыкты угуп аябай ачуусу келген: «Бул хан адилетсиз бийлик жүргүзүп жатат, – деген ал. – Иниси Харагучук-хунтайцзини өлтүрдү анын аялына үйлөнүү максатында. Ал өзүнүн жаман жоругу менен кайрадан мыйзамды бузду… Менин кол алдымдагы Батулага 4 ойротту башкаруу үчүн берди». Угэчи-кашканын нааразылыгын уккан Эльбек хан Батулачинсанг менен бирдикте аны өлтүрүүнү чечишет, бирок кечигип калышат. Душмандарынын өзүнө каршы уюшулган кастыкты угуп, Угэчи-кашка (Мөңкө-Темир) токтоос уз түрдө кол жыйнап, аларга каршы чабуул койгон. Эльбек ханды өлтүрүп, ал Ульдзейту-Гоага үйлөнгөн. Бирок хан болуудан мурда ага өз бийлигин чыңдоо керек эле. МөңкөТемир улуу хандын тагына олтуруу өзүнө терс таас ирин тийгизээрин билип, хандык такка Эльбек хандын улуу уулу Гун-Тэмурди көтөрөт. Бул окуя 1400-жылы болгон, бирок эки жылдан кийин эле Мөңкө-Темир Гун-Тэмурду тактан кулатып, бүткүл бийликти өз колуна ээлеген. Ал сулаленин «Юань» деген мурдагы атын алып таштап, өз ээлигине жана элине Дадень» (татар) деген ат берген. Өз өмүрүн сактап калуу максатында Гун-Тэмурдин иниси Бэньяшим Самарканга Тимур хандын (Темирландын) кол алдына кире качкан.

«Зафар-наменин» маалыматы боюнча Олджей-Тэмур (Бень-яшили) ханга каршы көтөрүлүш чыгарган (МөңкөТемирге болушу мүмкүн) да, калмактардан (ойроттордон) качып кеткен. «Зафар-намеде» ал Тайцзи – оглан деп аталат, ошондуктан биз Эльбек хандын уулу Беньяшили жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлойбуз.

Ал Тимур хандын ордосуна сый-урмат көрсөтүү менен кабыл алынган: «Ошол күнү улуу урматтуунун оң тарабына Джучи хандын тегинен болгон Тайцзи-оглан менен Чехра-оглан, ал эми сол тарабына падыша тукумунан Улугбек, Ибрахим-султан жана Иджол орун алган эле». (МИСЦА, 158-бет). Беньяшили Тимур хандын 1405-жылдагы Кытайга болгон акыркы жортуулуна Монголиядагы хандык тагын кайтарып алуу максатында катышкан, бирок жалпыга белгилүү болгондой Тимур хан күтүүсүздөн ооруп, каза болгон. Беньяшили Бешбалык өкүмдарынын кол астынан ырайым издөөгө мажбур болгон.

Ошол убакта Мөңкө-Темир өз бийлигин активдүү колдон келишинче бекемдей берген. Анын Борбордук Азиянын саясий майданындагы ролу, советтик белгилүү монгол таануучу Б. Я. Владимирцовдун аныктоосу боюнча сайддар (төбөлдөр) менен чыңгызиддердин ортосундагы бийлик үчүн болгон күрөштүн курчушуна алып келген. Династиянын атынын өзгөрүшү Борбордук Азиядагы саясий кырдаалдын түп-тамырынан бери өзгөргөндүгүн күбөлөндүрө турган өтө маанилүү далил. Юань династиясынын өз атын жоготушу моңголдук бийликтин толугу менен кыйрашын түшүндүргөн. Ошого карабастан монголдор дагы эле күчтүү болуп, чыңгызиддердин бедели чоң эле. Мөңкө-Темир бул жагын эске алып Ульдзейту-Гоаны аялдыкка алган. Табунанг (чыңгызиддердин бийлик кылуучу тегинин күйөө баласы) болуп, Мөңкө-Темир эми жок эле дегенде улуу хандын тагын талашууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Мындай болбогондо бул моңгол жана ойрот төбөлдөрү тарабынан катуу каршылык көрсөтүүгө алып келмек. Мындан сырткары, Мөңкө-Темирдин династиянын атын түрк (татар) атына өзгөртүшү моңголдук бийликти биротоло жоготуп, Борбордук Азияга түрк урууларынын мурдагы бийлигин кайтарып берүүгө болгон аракети болушу толук ыктымал. Бирок тарых өзү көрсөткөндөй Борбордук Азиядагы түрктөрдүн бийлиги бир нече он жылдыктарга гана созулган. Ойроттордун нааразылыгы улам өсө берген, бирок Мөңкө-Темир душмандарынын сазайын колуна берип турган. Кытай булактарында Мөңкө-Темирдин ойроттор менен тез-тез болуп турган кагылыштары баяндалат. Мисалга алсак, 1403-жылдан 1408-жылга чейин кыргыздар менен ойроттор ортосунда беш кагылышуу болуп өткөн, бул кагылышуулар эки тараптан тең бири-бири менен айыгышкан күрөш жүргүзүп келгендигин айгинелейт. Ошону менен бирге Мөңкө-Темир моңгол ээликтери (башчылары) Алутай, Есуньтай, Маэрхэцза менен биригишип, ойрот башында турган Махаму (БатулаЧинсанг), Тайпин жана Батубололорго каршы союз түзүп, бул айыгышкан күрөштөгү салмакты өз пайдасына оодарган.

XV кылымдын башында Мөңкө-Темир башкарган ойрот конфедерациясынын эли 40 миң үйгө жеткен. 4 ойроттун күчү көбөйүп, ага баш ийген аймак да кеңейген. XV кылымдын башына чейин ойроттор Енисейдин жогору жагындагы Цянь-Чжоу деп аталган аймакты ээлеп турган, акырындык менен Кэбудо жана Чжабухань дарыя ларын жээктеген түштүк-чыгыш багытындагы жерлерди, түштүк-батыш багытында Алтай тоосу менен Халаэрциси (кара Иртыш) дарыясынын аймагындагы жерлерге жайланыша башташкан. «Мин-шиде» Гуйличини (Мөңкө-Темирди) «түндүк ханы» деп аташат. Анын ордосу кытай булактарында Булу-Тунь (сөзмө-сөз которо келсек «Булунун аткердик ордунда») же болбосо фарсы булактары боюнча Кэм-Кэмжиут деген жерде болгон. Кээ бирде бул районду Кэм-Кэмжиут-Бору деп эки ат менен аташат.

Мөңкө-Темирдин тышкы саясатын изилдөө менен биз анын Кытай менен болгон байланышынын бир калыпта болбогондугун белгиледик. Соода мамилелери көп учурда куралдуу кагылышуулар жана айыгышкан согуштар менен аяктоочу. Мындай учурларда кытай императору чек арадагы райондордун генералдарына жардамга аскер жиберип турган. Чек ара жайгашкан Нинся жана Ганьсу райондорунун аскер башчыларынын бизге белгилүү болгон билдирүүлөрүнөн жана императордун көрсөтмөлөрүнөн бир нече согуштук окуялардан мисал келтире кетелик.

1404-жылдын октябры. Мөңкө-Темир ойроттор менен согушуп бүтүп аскерлерин түштүк багытка бурду деп кабарлайт Нинсядагы аскер башчысы. Бул жортуулга

Мөңкө-Темир эки айлык дан камдады. Ар бир жоокер сүт (кымыз) жана эт менен камсыз болуш үчүн экиден бээ, токойду кыйыш үчүн араа, балта алышы керек болучу. Чалгынчылар араа менен балта бекемделген чептерди алуу үчүн керек деп аскер башчысын эскертишкен. Генералдар болсо жоокерлерди согушка даяр кармап туруулары керек болгон. Эгерде душмандын алдыңкы катары чегине турган болсо, кытайлык жоокерлерди амал менен туткундап алыш үчүн алардын артынан сая түшпөөсүн аскер башчысы генералдарга эскерткен.

1405-жылдын июну. Чек ара райондорунан түшкөн маалыматтардан улам Мөңкө-Темир кайрадан чек арадагы өз аракетин күчөтө баштаган. Жоокерлерин Шаньсиге жиберип, Мөңкө-Темир Сяочен тоосуна жана Тянчэндэн түндүгүрөөк чалгын үчүн от жагууга буйрук берген. Мөңкө-Темирден чочулаган генерал Сюань-Фу тандалма жоокерлерин Мөңкө-Темирдин аракеттерин байкоо үчүн чек арага чалгынга жиберет. Кайпин баштаган жоокерлер туткунга түшүп кала турган болсо генерал буктурма коюп, калган аскерлери менен чабуул коюуга тийиш болгон.

1406-жылдын марты. Императордун принц Чао ГоаСуйга жазган катында монголдордун туткунунан качып келген туу алып жүрүүчү Сун Чэн Мөңкө-Темир, Аруктай жана Есуньтайдын түштүк-чыгыш тарапка бет алып келе жатканын көргөндүгүн жазган. Император токтоосуз бир нече киши жиберип, Мөңкө-Темирдин жакындап келип калгандыгын Чэн-Ханга эскертүүсүн буйрук кылган. Коргонууну уюштуруу үчүн алардын жолундагы айылдарды өрттөп жок кылуучу (өрттөлгөн жер тактикасы) жана чепти бекемдөөнү буйрук кылган. Хэйюйчэфандан Юйтайлинге чейинки жолдорду тосуп, калган жерлерде аң казылуусу керек болгон. Генералдар Ван-Цзун жана Корогочин жоокерлери менен Синхого аттанып, Чен-Хен менен бирдикте шаарды коргоого даярдануулары тийиш болучу. Эгерде аларга Мөңкө-Темир кол сала турган болсо, чептин сыртына чыгып ага каршы чабуул коюуга буйрук кылынган.

1368-жылдан тартып 1398-жылга чейин Миндик кытай Цзюй-гуандын (улуу кытай дубалынын батыш бөлүгү) тоо тараптан кирүүчү жагына кароол койгон. Көчмөндөр менен Кытайдын ортосундагы талаш-тартыш Хами жайы гынан чыгып турган Хами аркылуу Улуу Жибек жолу менен Кытайдан Самарканга соода жолу өтүп турган. Бул башкы соода жолдордун кесилишинин Борбордук Азиянын көчмөндөрү үчүн зор мааниси бар эле. Мөңкө-Темир кез-кези менен өз кишилерин аттарды жибекке, чайга жана башка кол өнөрчүлүк үчүн керектүү оокаттарга алмашып келүү үчүн Хамиге жиберип турган.

1404-жылы Дадандардын ханы Мөңкө-Темир Хаминин улугу Анькэ-Темирди ууландырып өлтүрөт да, Хами жайыгын өз көзөмөлүнө алат. 1405-жылы Бешбалыктын башкаруучусу Шами-чаган кытайлыктардын жана Бешбалыкта жашырынып жүргөн Беньяшилинин түрткүлөөсү менен Мөңкө-Темирге каршы жортуулга аттанат, бирок булактарынын маалыматына караганда Мөңкө-Темирди Хамвиен сүрүп чыгарууга күчү жете алган эмес. МөңкөТемир Хами базарын мурдагыдай эле жылкы сатуу үчүн пайдалана берген.

Ойроттор менен Бешбалыктын ортосундагы согушта эки жак тең ит жыгылыш болуп турган. 1408-жылы ойроттор Бешбалыкка каршы ийгиликтүү жортуул жасап, аны баш ийдиришкен. Бирок 1411-жылы Бешбалыктын өкүмдары Махаму ойроттук урууларга кол салып, аларга чоң зыян келтирип кеткен. Ойроттордун күчүнүн азайышынын себеби хандык тактынын мурасчысы Эльбек хандын уулу Беньяшилинин пайда болушу жана Алутайдын аны колдой баштап, Мөңкө-Темир экөөнүн ортосундагы убактылуу союзунун бузулушунан улам байланыштуу болгон.

1408-жылы Алутай Беньяшилини монгол ханы деп жарыял аган, бирок хандык тактыны алыш моңголдорго бул жолу да ийгиликсиз бүткөн. 1409-жылы ойроттор Беньяшили менен Алутайга катуу сокку урган, натыйжада алар Көрөлөңгө көчө качууга аргасыз болушкан. 1412жылы куралдуу кагылыштардын биринде Беньяшили каза болгон. Эми хандык тактыны талашуучу киши жок го деп турган учурда хандык так үчүн күрөшкө күчтүү хойт уруусунун кол башчысы Батула-чинсанг аракет кыла баштаган. 1415-жылы Мөңкө-Темир менен Батула-чинсанг дын таймашуусу бир жолку согуштардын биринде хойт уруусунун кол башчысынын өлүмү менен бүткөн.

Ушул эле жылы бир нече айдан кийин Мөңкө-Темир дагы каза болгон. Тилекке каршы, кытай булактарында Мөңкө-Темирдин кантип каза болгондугу жөнүндө маалымат жок. Ошого карабастан кытай жана монгол булактарын салыштырып кароо менен кытай кол жазмаларынын Угэчи-кашка менен Гуйличи, монгол баяндарында болсо Угечи-Хашига жана Гуйличи-багатур экөөнүн окшоштугун таптык. Булардын ортосундагы окшоштук тилдик гана жактан окшош эмес, тарыхый да окшоштук болуп чыкты. Кытай булактарында да, монгол булактарында да кичине айырмачылыктар болгону менен булар бир эле окуяларда катышышат. Балким, «Алтын-тобчиде» сүрөттөп жазылган Гуйличи-багатур менен Шигушитэй-багатурдун кармашы Манас менен калмак баатыры Коңурбайдын акыркы кармашы болушу да ыктымал. Биз бул баянды Мөңкө-Темирдин акыркы согушу деп божомолдойбуз. Окуучум, бул биз толугу менен келтирип кеткен баяндагы Гуйличи-багатурдун ойрот экендиги сизди таң калтырбасын, анткени кыргыздар ошол убактагы 4 ойроттун ичине киргени маалым эмеспи.

Эми сиздердин көңүлүңүздөрдү Мөңкө-Темирдин согушунун монгол булактарында айтылган баяндамасына бурабыз. «Илгертен өчү бар Адай хан жоокерлерин топтоп, ойротторго каршы жортуулун баштады. Эки тараптын жоокерлери бири-бирин көрүшкөндө, онглигуд кан түмө нүнөн чыккан Эсэхуй баатыр: «Жолун тосуп чыгам», – деди. Хан болсо: «Эки асый айгыр шумкардай күлүк болгону менен карыган ат чыдамдуу келет», – дейт да, Шигушитэй баатырдын жекеме-жекеге чыгуусун буюрат. Ойроттордон кармашка Гуйлинчи баатыр чыгат. Кечээ эле алар бир туугандар болушчу. Алар: «Эгер моңголдор ойроттор менен согуша турган болушса биз чыгабыз», – дешти. Гуйлинчи: «Мен аткан соот кийген, кийбегениңдин баары бир!» – дейт. Ал ушундай дегенден кийин Шигушитей да: «Мен кылычым менен чаап киргенде тулга кийилгенби же жокпу баары бир!» – деди. Алар бири-бирине ушуларды айтышты. Ошондон кийин монголдун Шигушитей баатыры кармашка чыгуу үчүн үч кабат келген соотун кийди да, боорун сакташ үчүн ал жерге күрөк байлап койду, анан Хангор-Халдзондын атына минди, курлаттык Олхуй мергенге болсо Хурен-Халдзондын атына минүүсүн буюрду. Шигушитей баатыр кармашка мына ушинтип чыкты. Ойроттук Гуйлинчи баатыр да каттамасы бир тулгасын кийип, Хухэ-Халдзондын атын минип чыкты. Алардын кармашы Боро-Нохайиндзон деген жерде өттү. Гуйлинчи баатыр Шигушитейдин ээринин кашын талкалай атканда жебе соотту жана күрөктү тешип кеткенде Шигушитей атка учкашып калды. Ошондо Олхуй мерген Гуйлинчинин атынын соорусунун сөөгүн талкалай атты. Ошондо Шигушитей баатыр: «Гуйлинчи менин атым Хангор Халдзондын тумшугун билип койсун! Менин кылычымдын курчтугун билип койсун, бийлик үчүн туугандыкты кароого болобу!» – деди да, ал анын сегиз кырдуу тулгасы менен бирге башын кыя чапты. Анын баласы Тайуну өлтүрүп, аялын болсо хан өзүнө алды. Анын уулу Тогон Аругтайтойшиге койчу болду. Моңголдор ойроттордон бийликти ушинтип тартып алышкан», – деп айтышат.

Мөңкө-Темир өлгөндөн кийин кытай булактары күбөлөндүргөндөй анын уулу Эсэху хан 11 жыл бою бийлик жүргүзгөн.

Которгон Акылбек КЫЛЫЧЕВ

Ө. КАРАЕВ

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН БИР БӨЛҮГҮНҮН ТЕҢИР-ТООГО КӨЧҮП КЕЛИШИ

840-жылы энесайлык кыргыздар Ордо-Балыкты басып алгандан кийин ханзаада Пан-тегин жана ордо министри Сачжи башчылык кылган уйгурлардын ири бөлүгү Чыгыш Теңир-Тоонун батыш райондоруна кетишет. Чыгыш авторлорунун маалыматтарына караганда энесайлык кыргыздар алардын артынан кууп отуруп Чыгыш Теңир-Тоого кирип келишет. Кыргыз хаканынын элчиси Табу Хецзу 843-жылы ноябрда Кытайдын борборуна келип мындай деп кабарлайт: «Бизге беш уруу Анси (Куча), Бэйтин (Беш-Балык), дада (татарлар) ж.б. баш ийишти». Дагы бир булакта ушул эле маалымат кайталанат. Бул окуяларга байланыштуу Кытай сарайынын биринчи министри Ли Дзюйдун өмүр баянында «Кыргыздар элчи жиберишип, алар Анси жана Бэйтинге чабуул коюп басып алышканын кабарлады. Император ушул райондорду Кыргыздардан келип жатат». 843-жылы апрелде кыргыз ажосунун ордосуна кытай элчиси Чжао Фань жиберилген. Ал кайтып келип: «Кыргыздар Анси жана Бэйтин акимчиликтерине чабуул коюшууда, ошондуктан аскер жиберип, жардам берүү керек» – дейт. Ушул маалыматтын негизинде жапондук окумуштуу Т.Ханэда төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарган: кыргыздардын кысымы менен уйгурлар Куча жана Беш-Балык райондорунан чыгышка, Теңир-Тоо тоо этектерине кетип калышкан.

Энесайлык кыргыздардын Чыгыш Түркстандагы согуштары жөнүндө «Худуд ал-аалам» аттуу эмгектин белгисиз автору: «Пенчул» (азыркы Үч-Турпан – Ө.К.) каллук өлкөсүндө жайгашкан, бирок мурда ал тогуз-огуздар тарабынан башкарылып турган, азыр аны кыргыздар ээлеп алышты» – деп жазат. Эгерде автордун ушул сөзүнө ишенсек, анда кыргыздар Пепчулду X к. аягында, б.а., 982-жылы аталган эмгек жазылып жаткан мезгилде басып алышкан. Бирок В.В.Бартольд бул окуяны IX к. аягына таандык кылат. «Худуд ал-ааламда» Жети-Сууда, Чыгыш Түркстанда жана алар азыр ээлеп турган аймактардагы кыргыздар жөнүндө да башка маалыматтар бар. «Кашкар,– деп жазат анын автору,– Чинистан улусуна тиешелүү, бирок ал ягма, Тибет, хырхыз жана Чиндин чек арасында жайгашкан». Белгилей кетчү нерсе, «Худуд ал-ааламдагы» маалыматтарга караганда карлуктар, ягмалар, тухсилер, чигилдер жана тогуз-огуздар (уйгурлар) Орто Азияда, Түштүк Казакстанда жана Чыгыш Түркстанда жайгашкан. Бул болсо энесайлык кыргыздардын Үч-Турпандан Кашкарга чейин келишкенин, X к. Нарын дарыясынын жээгинде жашаган ягмалар менен коңшулаш жашагандыгын айгинелейт.

Энесай кыргыздарынын IХ–Х кк. саясий жактан жогорулаган мезгилинде, алардын Теңир-Тоого да келип жайгашканын археологиялык табылгалар далилдейт. 1961-жылы Жунгар Ала-Тоосунун этегиндеги Текели шаарына жакын жердеги көрүстөндөрдөн темирден жана колодон жасалган 76 буюм табылган. Алардын арасында VIII–Х кк. көрүстөндөрүнө мүнөздүү болгон жебелер, жасалгалар ж.б. буюмдар бар. Буларды изилдеген археологдор төмөндөгүдөй жыйынтыкка келишти: ушуларга окшош буюмдар Чыгыш Казакстандагы кимагстардын көрүстөндөрүнөн кездешет. Ушуга эле окшош буюмдар Түндүк Казакстандан, Түштүк Сибирден жана Минуса ойдуңундагы енисейлик кыргыздардын көрүстөндөрүнөн табылган буюмдардын арасында да бар. Текели шаарына жакын жерден табылган жебелердин учтарынын көбү чоң илимий кызыкчылыкты пайда кылууда. Анткени буга окшогон үч катмарлуу жана үч кырдуу тыктар Чыгыш Казакстандагы Бобровск жана Зевакиндеги кыргыз көрүстөндөрүнөн да табылган. Л.Р. Кызласов Токмокко жакын жердеги Ак-Бешим шаар урандысын казганда IX к. биринчи жарымына таандык кылынган ооздукту жана псалийди тапкан. Алардын ичинен тоо текенин түспөлүн дөгү псалий айырмаланып турат, алардын Минуса ойдуңундагы капчал жана уйбат тибиндеги табылгаларга окшоштугу кызыкчылыкты туудурат.

Бул маселени изилдөөдө окумуштуулар V–ХII кк. аралыгындагы мезгилдерге таандык кылган Таластагы байыркы түрк рун эстеликтеринин чоң илимий мааниси бар. И.В. Кормушиндин Сулси, Энесай жана Талас рун жазмалары жаңы даталарга таандык кылынгандыгына байланыштуу айткан пикирине караганда ал жазмалардын ээлери – кыргыздар Минуса ойдуңунан Теңир-Тоого IX к. келген. Биздин оюбузча, бул пикир чындыкка жакыныраак көрүнөт. Таластан табылган төрт таштын боорунда «отуз оглап» (отуз уул) деген жазуу кездешет. XV к. жазылган «Шажарат ал-атрак» («Түрктөрдүн санжырасы») аттуу китепте кыргыздардын кырк монгол кыздарынан, ал эми отуз огул (отуз уул) алардын отуз уулдарынан келип чыккандыгы жөнүндө легенда бар. Сайф ад-дин Ахсыкендинин (ХV–ХVI кк.) маалыматы боюнча Отуз уулдун Идине (Адигине), Мунгкуш (Мунгуш), Кара-Багыш жана Тагай деген уулдары болгон, ал эми Тагайдын алты уулунан ядгар (жедигер), бугу, сарбагыш, солто, бостон, саяк уруулары келип чыккан. Отуз уул уруу бирикмеси тарыхый-этнографиялык маалыматтар боюнча кыргыз элинин куралынын калыптанышы менен байланышканын жана оң канатты бириктирип турганын унутпоо керек. Мындан башка да дал Талас өрөөнүндө жашаган кыргыздардын көпчүлүгү өздөрүнүн эң түпкү тегин сол канаттын огуз уул тобу менен байланыштырышы да кокусунан эместир. Жалпысынан бул фактылар IХ–ХI кк. энесайлык кыргыздардын Талас өрөөнүнө келишкенин ырастайт. Талас эстеликтеринде айтылган Кара Чур башында турган отуз огландар энесайлык кыргыздардын тайпасы же уруусу болушу мүмкүн. Чыгыш авторлору Ваи Яньде, ал-Марвази, Жувейни, Махмуд ибн Вали жана Абд-ар-Раззак Самаркандинин маалыматтары боюнча кыргыздар Х–ХV кк. Чыгыш Теңир-Тоодо, негизинен, түндүктө Манас менен Кулжанын, түштүктө Куча менен Ак-Суунун ортосундагы аймактарда көчүп-конуп жашаганын уланта беришкен.

981–983-жж. кытай элчиси Ван Яньде уйгурлардын Турпан ээлигинде болгон. Ал «Гаочан мамлекетинин кол алдында көптөгөн уруулар: түштүк-түндүк туцзюэ, чоң жана кичи чигилдер, ягмалар, кыргыздар, бармандар, геттер, урунгулар» бар экендигин кабарлайт. Ван Яньдеге Беш-Балык шаарында эс алып жаткан уйгур башкаруучусуна барууга туура келген. Ал өзү көргөн же башкалардын айткандарынын негизинде жазган. Анын кабарына Турпан улусунун батыш чек арасы Кучага чейин созулган. Бул тарыхый чындык десек болот, анткени андан аркы аймак Караханилер мамлекетинин курамында болгон. Ван Яньде атаган уруулар Турпан улусунун курамында болгон. Кыргыздардын чигил жана ягма менен катар эскерилгенинин чоң илимий мааниси бар. Чигил менен ягма уруулары X к. экинчи жарымында Борбордук ТеңирТоодо, Караханилер кагандыгын түзүүдө негизги ролду ойношкон. Ягмалар «тогуз-огуздардын (уйгурлардын) алдыңкы уруусу» катары Турпан ойдуңунан келгендиги белгилүү, ал эми чигилдер болсо Миң династиясынын убагында (1368–1644) Чыгыш Теңир-Тоодо жашап турганы эскерилет. Ошондуктан ягма менен чигилдер Ван Яньденин тизмесинде болуп калышы тарыхый факт. Алар тигил же бул себептердин натыйжасында өзүлөрүнө тектеш уруулардан бөлүнүп калып, X к. уйгурлардын Турпан ээлигине кирип калышкан. Ал эми кыргыздардын Борбордук Теңир-Тоодо жана Жети-Сууда Чигил жана ягмалар менен кошуна тургандыгы жогоруда айтылды. Энесайлык кыргыздар 840-ж. Беш-Балыкты ээлешип, X к. экинчи жарымынын баш чендеринде уйгурлардын кысымы астында бул шаарды таштап, Манас дарыясынын өрөөнүнө жана аркы батыш аймактарга жайгашып калышкан. Бул биздин божомолду Жувейни (XIII к.) жана Абд ар-Раззак Самаркандинин (ХVк.) Беш-Балыктын айланасында жашаган кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды далилдейт (аны төмөндө караңыз).

Араб автору ал-Марвази (ХI–ХII кк.) мындай деп жазат: «Хырхыздар түрктөрдүн курамына кирет, (алар) көп сандаган эл: чыгыш (түндүк-чыгыш) менен түндүктүн ортосунда кимактар алардын түндүгүндө жашашат. Ягма менен харлухтар – батыш тарабында, ал эми Куча менен Арк (аларга караганда) батыш (түштүк-батыш) менен түштүктүн ортосунда жайгашкан». Кыргыздар VIII– IX кк. «Ортоңку Эртиштен Жунгар капкасына чейинки аймактарга бекем орношуп алган» кимактардын түштүк кошунасы болушу толук мүмкүн. Арк шаары Кара-Шаар менен окшоштурулат. Ал-Марвазинин маалыматы боюнча карлуктар мурда Алтайда жашашкан, тогуз-огуздардан жеңилгенден кийин түштүккө, Жети-Суу, Чүй–Талас өрөөндөрүндөгү түргөштөрдүн өлкөсүнө көч үп келинген. Демек, кыргыздар ягма менен карлуктардын чыгышында, Кара-Шаар менен Кучанын түндүк-чыгышында, чамалап айтканда, Иле дарыясынын жогорку агымы менен Манас дарыясынын ортосунда көчүп жүрүшкөн. «Хиргиздерде,– деп жазат ал-Марвази – өлгөн дө рүн өрттөө адаты бар; муну менен алар от өлүктөрдү ыпластыктан арылтып, тазартат деп ойлошот. Бул алардын мурдагы адаты болгон, бирок мусулмандардын кошунасы болгондон баштап, өлгөндөрүн өрттөбөй көргө коюуга өтүштү». Ушуга байланыштуу айта кетүүчү нерсе IX–X кк. Енисей кыргыздары өлгөндөрүн өрттөп, анын күлүн бир жылдан кийин көмө турган жерге алып келип, таш мүрзөлөргө коюп, үстүнө боз үй түспөлдөгү коргон салышкан. Бул жөнүндө кытай автору мындай деп жазат: «Көмүү убактысында беттерин тытышпайт, өлүктү үч катар ороп коюшуп ыйлашат, андан кийин аны өрттөн, күлүн чогултуп бир жылдан кийин көмүшөт. Анан белгилүү бир мезгилдерде ыйлашат». Энесай кыргыздары эч убакта мусулмандар менен түздөн-түз карым-катнашта болгон эмес, ал эми ХI–ХII кк. алардын түштүгүндө ислам динине жат найман уруулары жашашкан. Ал-Марвази эмгегин жазган мезгилде мусулман дини Иле дарыясынан ары тараган эмес. Өз эмгегин ал-Марвазиден 46 жыл мурда жазган Махмуд Кашгари ислам дининин таралыш чеги түштүк чыгышта Черченге чейин, ал эми түндүк-чыгышта Иле дарыясына чейин жеткенин кабарлайт. Караханилер кагандыгында ислам мамлекеттик дин болгон. Алардын жерлеринин чыгыш чек арасы Черченден бери тарта Кучанын батышыраак жагынан Сасык-Көл, Ала-Көл жана Балкаш багыты боюнча өткөн. В.В. Бартольддун пикири боюнча Емил дарыясынын өрөөнүндөгү Чугучак жери «XII кылымда да XI кылымдагыдай эле ислам таасиринен сырткары калган». Демек, мусулмандардын кошунасы Чыгыш Теңир-Тоонун аймагында жашаган кыргыздар гана болушу мүмкүн. Алар исламдын таасири астында акырындык менен мурдагы өлүктөрүн өрттөө үрп-адаттарынан баш тартып, көргө коюуга өтүшкөн.

Жувейнинин маалыматы боюнча гурхан Елүй Дашы баш болгон кидандардын (кара кытай) бир бөлүгү чжурчжендерден батышты көздөй качып (1120-ж.) кыргыздардын ээликтеринин чек арасына келип, аларга жол салган, бирок алардын катуу каршылыгына дуушар болуп, Емил дарыясынын өрөөнүн көздөй кетишкен. Андан ары автор кидандардын гурханы Кашкар менен Хотанды ээлегенден кийин «кыргыздардын ээлигине аскер жиберип, «Мурда кидандардын тынчын кетиргендиги үчүн өч алуу максатында Беш-Балыкты басып алат». Елүй Дашы кыргыздардын мурда кидандарга көрсөткөн каршылыктары үчүн өч алуу максатында аларга каршы кошуун жибериши мүмкүн.

Калмак жол башчысы Уз Тимур тайши 1450-ж. Орто Азияга жортуул жасайт. Ал жолдо, Чүй өрөөнүнө жүктүү арабаларын, үй-бүлөсүн таштап, Сыгнак шаарынын жанында Абул Хайр ханды жеңип, аны кемсинткен тынчтык келишим түзөт да, талап-тоноп алган дүнүйөлөрү ме нен өз журтуна кайтып келет. Ушул окуяларга удаа эле Ак ордонун ханы Барактын уулдары Жаныбек менен Гирей уруулаштары жана тарапкерлери менен Абул Хайрдан качып Моголстанга келишет, анын ханы Эсен Бука аларга Чүй, Талас өрөөндөрүн бөлүп берет. Махмуд ибн Валинин (XVII к.) кабары боюнча «алар Моголстанга жайгашкандан кийин алгачкы убактарда калмак жана кыргыз урууларына кол салып турушкан». Жаныбек менен Гирейдин кол алдындагы, жакында эле келген качкын калк СаянАлтайдын түндүгүнө кол сала алмак эмес. Алар сыягы Жунгариянын батыш райондорун талап-тоношкон болуу керек. Махмуд ибн Вали эскерген кыргыздар мурункудай эле Теңир-Тоонун түндүк-чыгыш аймактарында көчүп жүрүшкөн. Кез-кези менен алар ээлеген райондор калмактардын бийлиги алдында болгон. Мына ошондуктан Махмуд ибн Вали кыргыз менен калмактарды кошуна жана шериктеш катары караса керек. Ошол эле автор Абул Хайрдын Моголстанга жасаган жортуулу жөнүндө, тагыраак айтканда, кыргыздар менен калмактардын журтуна жөнөп баратып, жолдо азыркы Алматы району ченде каза болот. Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча бул хандын армиясы Талас, Чүй өрөөндөрү аркылуу өтүп, андан кийин Түндүк-Чыгышты – Жети-Суу тарабын карай бет алган. Бул фактылар кыргыздардын XV к. экинчи жарымында Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк жактарында, тагыраак айтканда, орто кылымдардан, Беш-Балык менен Алмалыктын ортосунда жана алардын түндүгүндө жашагандыгын далилдейт. Ушул регионд о кыргыз элинин баатыры Манастын ысмы менен дарыянын жана шаардын аталышы кокусунан эместир. Ал географиялык аталыштар алыскы бир өткөн мезгилдерде бул райондо кыргыздардын жашагандыгынын далилдери боло алат.

Абд ар-Раззак Самарканди (XV к.) да кыргыздардын ушул региондо турганын эскерет. Анын маалыматы боюнча Тимурдун небереси Илекендер ХIV–ХV кк. аралыгында Моголстанга жортуул жасап, өзүнүн чоң атасына бир нече ондогон перилердей, «Алмалыктын, Хотондун жана кыргыздардын, Пишбалыктын сулууларын тартууга жөнөткөн». Бул жерде айта кете турган нерсе Искендердин жортуулу Теңир-Тоо жана Чыгыш Түркстандын аймагынан сырткары чыккан эмес. Ошондуктан Искендердин колу Беш-Балык шаарын талап-тоноп, анын айланасынан кыргыздардын перидей сулуу кыздарын колго түшүрүү болгон.

Жогорудагы келтирилген жана башка тарыхый фактылар көрүнүктүү советтик этнограф-кыргызтаануучу С.М.Абр амзондун түндүк-кыргыз курамындагы уруулардын баш кошуп, калыптануу процесси түндүк-чыгыш Теңир-Тоо менен байланыштуу деген пикирин далилдейт.

Автор СССРдин чыгыш чек арасынан Күнгес дарыясы, Чоң жана Кичи Жылдыз дарыяларына чейинки аралыкта жашаган кыргыз калкынын тобун IХ–Х кк. азыркы Синьцзяндын аймагында кыргыздардын пайда болгондугу жөнүндөгү тарыхый булактардагы маалыматтар менен байланыштырса болот деп жазат. Энесай кыргыздарынын бир бөлүгү IХ–Х кк. көчүп келип, Теңир-Тоонун чыгыштүндүгүнө жана Жети-Сууга орношуп, кыргыз элинин курамынын негизги уюткусун түзгөн.

Ушул жана башка чыгыш авторлорунун маалыматтарынын негизинде теңир-тоолук кыргыздардын этногенези Алтайга караганда Энесайга көбүрөөк байланышат десек болот.

Т.И. АСАНОВ

КЫРГЫЗДАРДЫН ОҢ КАНАТ – СОЛ КАНАТ

ЭТНОСАЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШҮ – МАМЛЕКЕТТИК БИРИКМЕНИН ФОРМАСЫ КАТАРЫ

Борбордук Азиядагы көчмөндөрдүн этносаясий түзүлүшүн изилдөө тарых илиминде актуалдуу проблема боюнча калууда. Бул маселе советтик тарыхнаамада негизинен көчмөн элдердин уруулук-патриархалдык уюмдашуусун жана коомдук түзүлүшүн ачып берүүгө байланыштуу изилденген. Маселеге алгачкылардан болуп көңүл бурган советтик этнограф С.П. Толстов жана андан кийин Т.А. Жданко, Г.И. Карпов сыяктуу ж.б изилдөөчүлөр түрк тилдүү көчмөн элдердеги уруулук-коомдук түзүлүш эки фратриалдык түзүлүшкө негизделген дуальдык (экилтик, кош бирикмелик) уюмдашуудан турган деген жыйынтыкка келишкен[1]. С.П. Толстовдун айткан көз карашы абдан маанилүү тыянак болгон. Анткени эрте көчмөндөр хундар жана андан кийинки түрк каганаттарынан бери дуальдык уюмдашуу алардын саясий түзүлүшүнүн негизин аныктап келген.

Кыргыздардын тарыхына байланыштуу бул маселени алгачкылардан болуп С.М. Абрамзон изилдеген жана кыргыз урууларынын оң канатсол канат дуальдык уюмдашуу түзүлүшү мурдатан бери жашап келгендиги жана анын алкагында кыргыздардын этникалык курамы XVI к. турукташып калгандыгын белгилеген[2].

Кыргыздардын кеч орто кылымдардагы саясий уюдашуусун изилдөөдө жана алардын этногенез маселелерин чечүүдө дуальдык түзүлүш маанилүү орунду ээле гендигин А.М. Мокеев кеңири талдаган. Изилдөөчүнүн пикиринде кыргыз урууларынын эки канатка бөлүнүшү белгилүү бир экономикалык, саясий, этникалык, демографиялык жана географиялык факторлордун негизинде ишке ашкан. Этникалык өңүттөн алганда дуальдык уюмдашуу түзүлүшүнүн келип чыгышы, бардык калкты кыргыз урууларынын айланасына баш коштуруу зарылчылыгына негизделген[3].

Мындай түзүлүш кеч орто кылымдардагы башка көчмөн мамлекеттик бирикмелерде дагы өкүм сүргөндүгү изилдөөлөрдө тастыкталган. Маселен, Борбордук Азиянын аскердик-саясий салттарына ылайыкташкан түзүлүш Жучи хандын мураскорлору тарабынан ишке ашырылып, улусту оң канатка жана сол канатка бөлгөндүгү жана ал шарттуу түрдө Ак Ордо жана Көк Ордо аталгандыгын А.К. Кушкумбаев изилдеген. Автордун пикиринде, аскердик-админстртивдик негиздеги бийликти уюмдаштыруунун мындай ыкмасы, чынгызийлер династиясына баш ийген аймактарды жана калк ресурстарын башкаруу жана бөлүштүрүү функциясына байланышкан. Мындай структуралык-башкаруу механизми Жучи улусунун бүт мезгилин камтыганга чейинки тарыхында сакталып XV к. башталышына чейин созулган[4].

Көчмөн салт-санаасы кыргыздарга өтө жакын казак элиндеги жүздөрдүн келип чыгышы дагы генетикалык жактан Борбордук Азиядагы көчмөндөрдүн саясий салттарына байланыштуу болгон. Анткени Алтын Ордолук мамлекеттер кулагандан кийин алардын урандыларынан өсүп чыккан бир канча мамлекеттердин катарында Казак хандыгында улустук админстративдик-саясий башкаруу формасы өкүм сүргөн. Кийин улустук башкаруу формасы жүздөргө өткөн. Бул маселени изилдеген Т.И.Султановдун пикирине караганда, казак коомундагы уюмдашуунун бир формасынан экинчи формага өтүшү, бул улустардын жүздөргө алмашуусу менен байланышкан[5]. Тарыхый жактан анык болбосо дагы уюмдашуу формасынын мындай алмашууга өтүшү, автордун пикиринде XVI к. экинчи жарымында казак башчыларынын Түркстандын калааларына жана чептерине ээлик кылып баштаган мезгилдерге туш болгон. Демек коңшулаш казак элиндеги жүздөргө негизделген үчилтик (улуу жүз, орто жүз, кичүү жүз) түзүлүшү дагы көчмөндөрдүн этносаясий уюмдашуусунун соңку формасы болгон.

Көчмөн түрк элдеринин катарында каракалпактарда дагы дуальдык түзүлүшкө негизделген эки уруулук-бирикмелик бөлүнүш жашаган. Алар салттуу түрдө жалпы каракалпак элин бириктирген «коңурат» жана «он төргт уруу» деген топтордон турган[6]. Каракалпак элиндеги мындай бөлүнүүнүн башаты тарыхтын тереңинде жаткан. Ушул жагдайдан алганда көчмөн түрк элдеринин катарында кыргыздардын дагы өзгөчөлөнгөн салттуу оң канат жана сол канат этносаясий түзүлүшү, соңку орто кылымдардагы жана жаңы мезгилдердеги тарыхында маанилүү роль ойноп келгендигин көрөбүз.

Кыргыз элинин калыптанышында жана этносаясий түзүлүшүндө оң канат жана сол канат уруулук курамы башкы орунду ээлеген. Ал кыргыз элинин отуз уул деп аталган абалкы уруулук түзүлүшүнүн эки бутагын түзгөн. Кыргыздардын уруулук бирикмесинин эки канатка ажырашы белгилүү бир экономикалык, саясий, этникалык жана демографиялык факторлордон улам башталган. Кыргыз урууларынын дуальдык этносаясий түзүлүшүнүн негизин XVI к. оң канат жана сол канат бирикмелери түзүп турган.

Теңир-Тоо кыргыздары тууралуу топтолгон алгачкы тарыхый даректерде алардын этносаясий уюмдашуусуна байланышкан маалыматтар кездешпейт. Бирок биз сан жырадагы кабарлар жана айрым бир тарыхый маалыматтар аркылуу гана, кыргыздардын соңку орто кылымдардагы жана андан кийинки мезгилдердеги этносаясий түзүлүшүн көз алдыга келтире алабыз. Санжырада айтылган маалыматтар боюнча кыргыздар абалтан «отуз уул-булгачы», «отуз уул-он уул» «оң канат-сол канат» деген этносаясий бирикмелерди түзүп келишкен[7].

Булгачы жана он уул санжырада жана элдик түшүнүктө, дайыма ичкилик тобун туюндурган. Ошондуктан, ичкилик уруулук бирикмеси жөнүндө сөз кылганда, тарыхый маалыматтардагы айтылган булгачы жана он уул аталыштары бирдей түшүнүктү бере тургандыгын эске алышыбыз керек.

Аталган ар бир уруулук түзүлүштөрдүн өзүнүн жаралуу доору менен бирге, ал кыргыз элинин этносаясий тарыхынын белгилүү бир мезгилдерин чагылдырган. XVI к. таандык фарси тилинде жазылган «Шажарат ал-атрак» («Түрктөрдүн санжырасы») аттуу булакта, кыргыздардын «кыргыз» жана «отуз уул» деп аталган бутактарга бөлүнгөндүгү[8], Ферганалык автор молдо Сейф ад-Диндин Ахсыкентинин «Маджму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу кол жазмасында кыргыздардын оң канатка жана сол канатка ажырагандыгы баяндалган[9]. Кыргыздардын этносаясий түзүлүшү тууралуу ишенимдүү маалыматтар XVIII к. 70-ж-да Кытайдын Синьцзяндагы аскер төбөлдөрүнүн тапшырмасы менен түзүлгөн «Си-юй-чжи» («Батыш аймактарын сүрөттөп жазуу») аттуу тарыхый-географиялык баяндамада орун алган. Анда кыргыздар өзүлөрү шарттуу түрдө «кыргыз» («кэ-эр-гэ-цы-зы») жана «тогуз уул» («то-го-со-хо-лэ») деп аталган уруулук жана аймактык-географиялык топторго бөлгөндүгү айтылган[10]. Биз ушул жана башка кабарлардын негизинде, кыргыздардын XVI–XIX к. этносаясий түзүлүшү кандай деңгээлде болгондугун жана ал кандай жагдайларда мамлекеттик түзүлүштүн формасын бере тургандыгына сереп салсак.

К.И. Петровдун пикиринде «кыргыз уруулары жана ага ыкташ тянь-шандык моңголдор Ахмеддин мезгилинде эле өзүнчө мамлекеттик-саясий бирдике улуска баш кошуп биригишкен»[11]. Бирок Моголстан мамлекетинин кулашы менен мурдагыдай көчмөн төбөлдөрдүн чөлкөмдөргө энчиликтерге ээлик (уделдерге) кылуусу өз маанисин жоготуп баштаган. Натыйжада XVI кылымдын баш чендеринде Моголстандын тарыхый аренасына чыккан кыргыздардын оң канат – сол канат дуальдык этносаясий уюмдашуусу көчмөн мамлекеттик түзүлүштүн деңгээлде өкүм сүрүп баштаган. Мухаммед Хайдар кыргыздарды моголдордон бөлүнгөн өз алдынча эл катары санаган. Кыргыздар Моголстанда биринчи жолу 1503-1504-жылдын кышында болуп өткөн окуяларда эскерилген. Ак-Суу шаарында могол ханы Ахмед дүйнөдөн кайтып анын ордун уулу Мансур ээлеген[12]. Моголстан 910-914-(1504-1505 – 1508-1509)-жылдардын аралыгында ханзаадалардын ортосундагы өз ара жаңжалдардын аренасына айланган. Мындай касташуулардан Султан Халил жана Султан Саид 1504-жылы кыргыздарга качып келген. Кыргыздар Султан Халилди өзүлөрүнүн өкүмдары-падышалыгына көтөрүшкөн. Натыйжада Моголстанда кыргыздарга таянган Султан Халил менен Султан Саид, Мансур ханга каршы турушкан. Моголдордун ич ара келишпестигинен пайдаланган кыргыздар, олуттуу саясий кызыкчылыктарды көздөп, өзүлөрүнүн Моголстандагы саясий абалын бекемдегенге кадам коюшкан. Аталган мезгилде кыргыздардын оң канат-сол канат дуальдык уюмдашуусунун негиздери мамлекет тик түзүлүшкө бышып жетилген, эми аны бекемдегенге хандык мүнөз берүү жетиштүү болмок. Бирок, Моголстандагы хандык бийлик чагатайларга гана таандык болгондуктан, кыргыз төбөлдөрүнөн хан чыгышы саясий аренада анын таанылышына тоскоолдук кылмак. Ушул жагдайларды эске алган кыргыз башчылары, ханзаада султан Халилди хандыкка көтөрүү менен өзүлөрүнүн саясий абалын жана көз каранды эмес бийлигин бекемдөөнү көздөшкөн. Демек XVI кылымдын баш чендеринде кыргыздардын дуальдык этносаясий уюмдашуусу көчмөн мамлекеттик түзүлүштүн милдеттерин аткарууга жарамдуу уюмга айланган.

Кыргыздардын Моголстандын калкына саясий жана этномаданий жактан жакын болгондугуна карабастан, оң канат – сол канат этносаясий түзүлүшү өз алдынча көчмөн мамлекеттин формасына ээ болгон. Мансур хан 914 (1508-1509)-жылы Моголстандагы Чарын менен Челектин аралыгындагы Алматы деген жерде каршылаштары Султан Саидди жана Султан Халилди талкалап, кыргыздарды Моголстандагы баш аламандыктын баштоочулары катары айыптап, негизги бөлүгүн Чалышка жана Турфанга көчүрүп кеткен. Мансур хан кыргыздарды толук баш ийдире алган эмес жана көп узабай алар өз жерлерине кайтып келген. 916 (1510-1511)-жылдардан тартып Моголстанда кыргыздын саясий активдүүлүгү күч алган. Мухаммед Хайдардын жазганы боюнча ушул мезгилде кыргыздардын айынан бир дагы моголго, Моголстанда жашоого мүмкүн болбой калган.

Кыргыздар бул мезгилде Ысык-Көлдө жана Борбордук Теңир-Тоодо туруктуу орун-очок алып калган жана алардын башчысы Мухаммед Кыргыз өз-алдынча бийликти ишке ашыра баштаган[13]. 917 (1511-1512)-жылы дуглат Аба Бакрдын күчтөрү, Ферганадан келатып Моголстанга жасаган жортуулдарында, кыргыздар Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде калышкан. Андан кийин Султан Саид хан 920 (1514-1515)-жылы Йаркендди алууга камданып жатканда Мухаммед Кыргыз ханга кездешип, ага Аба Бакрдын согуштук жагдайы тууралуу кабар алып келип берген. 923 (1517)-жылы Мухаммед Кыргыз Түркстанга, Ташкентке жана Сайрамга жортуул жасап турган, кыргыздар Чүй жана Талас өрөөндөрүн ээлешкен. 923 (1517) – 928 (1521-1522)-жылдардын аралыгында кыргыздар аталган аймактар менен бирге Анжиянга жана Аксыга жортуул жасап, Ферганага чыгышкан. Алардын айрым топтору бул мезгилде Алайга чейин жеткен. 934 (1527-1528)-жылдары кыргыздар Кочкордон, Ат-Башыдан моголдорду сүрүп чыгып, Борбордук Теңир-Тоодо үстөмдүккө жетишкен.

Ушул мезгилде калыптанган оң канат жана сол канат дуальдык этносаясий уюмдашуусу алардын мамлекеттик бирикмесин аныктап, кыргыз элинин калыптанышында жана этносаясий түзүлүшүндө  маанилүү орунду ээлеген. Тарыхый маалыматтарга жана изилдөөлөргө караганда, ал кыргыз элинин отуз уул деп аталган абалкы уруулук түзүлүшүнүн эки бутагын түзгөн[14]. Маселенин айланасында жүргүзүлгөн соңку изилдөөлөр, кыргыздардын уруулук бирикмесинин эки канатка ажырашы белгилүү бир экономикалык, саясий, этникалык жана демографиялык факторлордон улам башталган[15]. Бул ойго басым жасаган А.М. Мокеев, дуальдык (экилтик, кош бирикмелик) уюмдашуунун этникалык маанисин, ириде бардык элдерди кыргыз урууларынын бийлигинин астында баш коштуруунун тарыхый зарылчылыгына негизделгендигинен көргөн. Демографиялык фактор, деп андан ары оюн улайт тарыхый булакка таянган автор, акырындык менен элдердин көбөйүшү жана ошонун айынан жер үчүн ич ара келишпестиктердин пайда болушу, али биримдиги жок коомдогу олуттуу кыйынчылыктарды пайда кылгандыктан, мындай ички маселелерди жөнгө салуунун жарамдуу уюму талап кылынган. Анын үстүнө, Моголстан мамлекети кулагандан кийин аныкталган Кыргызстандын саясий өз алдынчалыгы, XVI к. баш чендеринде, ички чарбалык-экономикалык жана этникалык алакалардын андан ары өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Тарыхый булактарга негиздеп айтылган А. Мокеевдин бул ою көп жагынан туура. Бирок, патриархалдык-көчмөн коомдук түзүлүшкө негизделген кыргыздардын мындай уюмдашуусун XVI к. менен чектеш кеч эмеспи. Балким, ушул мезгилди кыргыздардын ТеңирТоо аймагындагы этникалык баш кошуп биригүүсүнүн жана саясий уюмдашуу түзүлүшүнүн аяктоо жараяны (процесси) катары кабыл алганыбыз оң болуп жүрбөсүн. Биз бул маселени талдап көрүүнү жөнөкөй уламыш кабарлардан баштасак.

Санжырада туруктуу сакталып келе жаткан Ак уулдун жана Куу уулдун уламыш окуясы анын ар түрдүү варианттарда кездешкен мазмуну менен толук үндөш. Ал уламышта кыргыз урууларынын эки канатынын келип чыгышы мындайча баяндалат:

«Долон бийдин кичүү аялы ай күнүнө жетип төрөөр маалы жакындаганда кудайдан уул тилеп тогуз ак боз бээни сүйүнчүгө байлайт. Бир күнү Долон бийге чабарман келип зайыбыңыз уул төрөдү деп сүйүнчүлөйт. Арнаган тогуз ак боз бээни сүйүнчүгө берет. Ал аңгыча дагы бирөө чаап келип зайыбыңыз дагы бир уул тапты дейт. Долон бий буга анча ишенбей, кантип эле жаш келин экини төрөсүн, бирөөнүн баласын телите коюшту го биринчиси ак уул болду, экинчиси саал куу уул болгонсуду деген экен. Ошентип азан чакырганга чейинки атанын айткандары балдарга ысым болуп калган. Ал эми эненин айтуусу боюнча мурункусу көз жарганда оң бөйрөгүм бошоду эле, кийинкиси көз жарганда сол бөйрөгүм бошоду эле, Оң-Сол деп айтылса болмок дейт. Ушундан улам эненин койгон аты менен Оң-Сол, атанын койгон аты менен Ак уул- Куу уул деп бара-бара айтылып калган экен»[16].

Демек уламышта Ак уулдан тараган тукумдар Оң канатты жана Куу уулдан тараган тукумдар Сол канатты түзүшкөн. Элдик этногониялык маалыматтарда кыргыз урууларынын эки канатынын келип чыгышы жалпысынан ушундай мүнөздө чечмеленген.

Бала Айылчынын санжырасына ылайык энчи бөлүштүргөндө малды, жерди, элди экиге бөлүп оң жагы Касы менен Ак уулга, сол жагы Куу уулга тийип, ошондон оң жана сол аталып калгандыгы баяндалат[17]. Кыргыз урууларынын эки бутагынын келип чыгуу маселесине энчи бөлүштүрүү салтынын тиешеси бар. Анткени энчи бөлүштүрүү салтынын патриархалдык-көчмөн турмушта чоң социалдык-экономикалык мааниси бар көрүнүштөрдөн болгон. Ээлик кылган, балким каратып алган жерлерди мураскорлоруна бөлүп берүү башкаруучулар тарабынан ишке ашырылган. Уламыштагы бул маалымат кайсы бир мезгилдерде кыргыздар жерди, мүлктү, элди өз ара бөлүштүргөн чоң окуяны башынан кечиргендигин кыйыр далилдейт.

Кыргыз элинин этносаясий тарыхында оң канат – сол канат түзүлүштөрүнөн сырткары да отуз уул жана ичкилик же болбосо отуз уул жана он уул маанилүү орунду ээлеген. Элдик тарыхый түшүнүктө отуз уул катары: оң канатты жана сол канатты эске алган. Муну ырастай турган маалыматтар көптөн бери белгилүү болгону менен илимде маселе толук ачылбай келген. Анткени XX к. башында эле орус изилдөөчүсү Н.Ф. Ситняковский кыргыз уруулары жөнүндө мындай деп жазган:

«Ферганалык кыргыздар өзүлөрүн эки чоң урууга бөлөт: Отуз уул (30 братьев) жана ичкилик. Биринчиси Фергана облусунун чыгыш бөлүгүндө, Жети-Суу облусунда жана Кашкар провинциясында жайгашкан; Экинчиси Фергана өрөөнүнүн түштүк тоолу жерлерин ээлешкен. Эки уруу тең мурунку оң жана сол деген бөлүнүшүн сактап калган»[18].

Белгилүү советтик этнограф Б.Х. Кармышева да Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган ичкилик кыргыздарынан төмөнкүдөй маалыматты жазып алган.

«Карылардын пикири боюнча бардык кыргыздар эки топко бөлүнөт: «Тышкы кыргыз» жана ичкилик деген уруулардын наамы келип чыккан «ичкилик кыргыз»; «Тышкы кыргыздар» же болбосо «отуз уулдар» деп Жалал-Абаддын жана Нарындын түндүк жана түндүк чыгышындагыларды атайт»[19].

Ал эми орус офицери Корниловдун эмгегинде Кашкарлык кыргыздар жөнүндө төмөндөгүдөй кыскача маалыматты келтирет. «Кашкарлык кыргыздар Жети-Суу жана Ферганалыктар сыяктуу отуз уул жана ичкилик деген эки чоң урууга бөлүнөт, өз кезегинде булар ич ара майда урууларга жана муундарга ажырайт»[20].

Отуз уул жана Булгачы жөнүндө маалыматтар Үмөт Молдо жазып калтырган санжырада эскерилген. Анда мындай деп айтылган:

«Жанкороздон Болганча, Отуз уул эки бала. Болганчадан Кыпчак, Ойгут, Жоокесек, Дөөлөс, Эштек, Таз, Кызылаяк, Тайкомуз; Жанкороздун Отуз уул деген баласынан Конаш, Узункалпак, Конаштан Дөөлөт, андан Ак уул, Куу уул. Отуз уул балдары Каракол, Атбашы, Нарын, Олуя-Ата, Фергана, Кетмен-Төбө деген жерде турат»[21].

Жумабаев Сабырдын вариантындагы санжыра боюнча «Ороздудан эки уул туулат: Булганчы, Отуз уул. Булганчыдан беш уул: Эштек, Теит, Басыз, Нойгут. Кыпчак. Эр Эштектен үч уул туулат: Үрүмчү, Катаган, Жедигер. Үрүмчүдөн үч багыш болот. Чоң багыш, Ак багыш, Кара багыш. Булардын тукумдары Кашкар тарапта турушат. Отуз уулдун тукумдары Какшаал, Атбашы, Нарын тарапта жайгашкан»[22].

Кыргыздын алгачкы интеллигенттеринин бири Абдыкерим Сыдыков өзүнүн макаласында Ош округунда жашаган кыргыздардын арасында отуз уул жана он уул жөнүндө уламыш айтыларын баяндайт. Анда айрым убактарда отуз уул катары оң канатты, он уул катары сол канатты эске алышса, айрым убактарда бул топко (отуз уулга) анчалык коошпосо да эки канатты бириктирээрин белгилейт[23].

Демек санжыра даректерине караганда кыргыз урууларынын дуальдык түзүлүшүнүн негизин отуз уул жана он уул (ичкилик) топтору да түзгөн. Бирок «Маджму аттаварихте» бирикменин негизи катары оң канат жана сол канат гана эске алынып, отуз уул менен Булгачы (ичкилик) ошол эле оң канаттын эки бутагы катары көргөзүлгөн[24]. Биз ушул тарыхый маалыматка маани берсек анда кыргыз урууларынын дуальдык этносаясий түзүлүшүнүн негизин XVI к. оң канат жана сол канат бирикмелери түзүп тургандыгын көрөбүз.

Биздин оюбузча белгиленген ар бир бутак адепки мезгилдерде уруулук топтордун гана башын коштуруп келсе ал кийин соң этностук деңгээлге көтөрүлгөн. Анын негизин түзгөн дуальдык (экилтик, кош бирикмелик) түзүлүштүн түптөлүшү, кыргыздардын уюткулуу эл болуп калыптанган тарыхый-этникалык процесстер менен түздөн-түз айкалышта жүргөн. Кыргыз эли калыптанган баштапкы этностук чөйрө болжолу негизинен үч агымдан турган жана ал этникалык кырдаалга жараша башка этностук компоненттерди да камтыган оң канат, сол канат жана кийин аймактык жайгашуусу боюнча аталып калган ичкилик этносаясий түзүлүштөрүнүн пайда болушуна алып келген. Демек кыргыздардын эл болуп куралышындагы үч этникалык башат генетикалык жактан тыгыз байланышта өнүккөн. Алардын ички курамдык түзүлүшүндө бир катар чоочун этникалык компоненттерди бириктиргени менен анын өзөгүндө илгертен түпкү этностун негизин түзгөн саясий топтор баштап турган. Ошентип жазма булактардагы жана санжырадагы маалыматтар иш жүзүндө бизге бир эле маселе жөнүндө кабар бергенсийт. Ал жалпы кыргыз уруулары эл калыптанып жаткан мезгилде үч этникалык башталыштан турган топтордон тургандыгын, бирок саясий жактан алганда баардык урууларды бириктирген эки бутак: оң канат жана сол канат аларды баш коштурган мамлекеттик бирикменин түзүлүшүн эске салгандыгын айгинелейт.

Маалыматтарды талдап келгенде кыргыздардын дуальдык этносаясий түзүлүшүнүн калыптанышында негизинен эки фактор чогуу жүргөндүгүн байкоого болот. Башталышында этникалык фактор кандай мааниге ээ болсо, саясий фактор да дал ошондой мааниге ээ болгон. Анткени ушул эки фактордун өз ара айкалышынын негизинде гана дуальдык этносаясий түзүлүштүн келип чыгышы мүмкүн эле. Бул үчүн кыргыз элинин негизги уюткусун түзгөн уруулардын арасында дуальдык уюмдашуу мурдатан бери эле жашап келген. Алтурсун, уруулардын ички этносаясий уюмдашуусунда дайыма эки бутакка бөлүнүү принциптери өкүм сүргөн. Маселен, оң канат чындыгында саясий эки бутактан Адигинеден жана Тагайдан турган. Оң канатка кирген уруулар негизинен ушул эки бутактын айланасына топтолгон. Ичкилик бирикмеси да өз ара оң жана сол деп бөлүнгөн. Демек патриархалдык-көчмөн коомдогу дуальдык принциптер алардын ич ара бөлүнүшүндөгү табигый мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланган. Мындай түзүлүш эми уруулук-туугандык кызыкчылыктардын чегинен чыгып саясий, идеологиялык жана чарбалык-экономикалык негизде бардык урууларды өзүнүн айланасына бириктирүү мүмкүнчүлүгүнүн деңгээлине өсүп жетилген. Өзгөчө уруулук бирикмелердин ичинде баарын баш ийдире алган бийликке эгедер болуу жана анын айланасына уруулардын баш коштуруп бириктирүү процесси дуальдык уюмдун саясий түзүлүшүндөгү маанилүү маселелерден болгон. Чарбалык-экономикалык маселелер дагы дуальдык түзүлүштүн бекемделишине орчундуу таасир тийгизген. Ал ириде элди, жерди жана малды өз ара бөлүштүрүү же болбосо ага ээлик кылуу менен көчүп-конууга жана туруктуу чарба жүргүзүүгө ылайыкталган жерди жана аймакты ээлеп өз алдынча чектөөдөн улам аныктала баштаган. Андыктан бирикмелердин, анын ичинде уруулардын өзүнө тиешелүү эли, жери, аймактык чеги жана малы дуальдык түзүлүштүн чарбалык-экономикалык негизин түзгөн.

Бирок дуальдык түзүлүштүн курамында уруулардын этникалык баш кошуусу татаал процесстерден болгон. Отуз уул болжолу саясий аталышка караганда этникалык аталышка жакын. Дуалдык түзүлүш калыптанып баштаганда негизинен этникалык фактор биринчи орунга чыккан. Сыягы ушундан улам элдик түшүнүктө отуз уул катары этногенетикалык жактан кыйла жакын оң канат жана сол канат эске алынган. Генеалогиялык уламыш боюнча Ак уулдун жана Куу уулдун бир тууган катарында көргөзүлүшү да, оң канат менен сол канаттын ортосундагы саясий-этникалык алакалар булгачыга (он уулга) караганда бир кыйла жакын жүргөндүгүн айгинелейт. Ошондуктан эки канаттын ортосундагы этногенетикалык жакындык дуальдык түзүлүштүн саясий деңгээлге өсүп жетишине чейин эле, алардын отуз уул деген жалпы этникалык наамга ээ болгондугунан кабар берет. Мындай процесс бир этностук чөйрөнүн ареалында жүргөндүктөн, он уул – ичкилик (Булгачы) тобунун калыптанышы да, отуз уул менен бир катарда өз ара карым-катнаштын негизинде ишке ашкандыгын көрсөтөт. Бирок ички жана тышкы этнокомпоненттердин белгилүү бир бутакты ыктап топтолушунан улам, жогоруда белгиленгендей этникалык процесс аяктап, саясий фактор алдынкы орунга чыккандыгын камсыз кылган.

Бирикмелердин арасындагы экономикалык, аймактык-географиялык жана демографиялык маселелердин чечилиши да саясий тең аталыкты күчөтүп, аларды кайсы бир деңгээлде өз алдынча өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Сыягы ушундай кырдаалда гана этникалык фактор акырындап кала берип же турукташып, саясий фактор алдыга чыккан. Натыйжада бирикмелер отуз уул деген жалпы уруулук-этникалык атка караганда алардын өз ара чыныгы уюмдашуусун далилдеген оң канат жана сол канат деген саясий аталышка көбүрөөк ыктап бекемдей башташкан. Ал ошону менен келечектеги мамлекеттик бирикменин негизин түзгөн кыргыз урууларынын дуальдык этносаясий түзүлүшүнүн келип чыгышын камсыз кылган жана кыргыз элинин уюткусунун түзүлүшүндөгү ар кандай этностук топторду баш коштуруп бириктирген саясий күчкө айланган. Соңунда дуальдык уюмдашуу алкагында чечүүчү роль ойногон этникалык жана саясий факторлор кыргыз деген жалпы этностук наамды уруулардын арасында бекемдеп баштаган. Ал байыркы этностун табигый жана тарыхый-генетикалык улантуучусу катары кыргыздардын тарыхый жаңы шартта эл болуп калыптанышын камсыз кылган. Мына ушундай татаал тарыхый-этникалык процесстерден кийин гана кыргыздар башка этностук компоненттерди өзүнө сиңирип алып Борбордук Азиядагы уюткулуу элдердин бирине айланган. Бул процесс XV к. экинчи жарымынан башталып – XVI к. биринчи жарымында негизинен аяктаган.

Жогоруда белгиленгендей Долон бийдин Ак уул жана Куу уул аттуу балдары бир энеден туулган эгиз уулдар катары айтылат. Ак уулдан оң канат, Куу уулдан сол канат уруулары тарайт. Ак уулдан Адигине, Тагай жана Муңгуш аттуу уулдары, ошондой эле, алардын улуусу Наалы деген кызы жөнүндө баяндалат. Атадан эрте калган балдарды Наалы чоңойтуп эрезеге жеткирет. Оң канаттын негизги уюткусу аталган генеалогиялык каармандардын айланасында түзүлөт. Бирок, уламышта негизги фигура катары Адигине, Тагай айтылат. Инилери бойго жеткенде эжеси малды Адигинеге, бийликти Тагайга жана Муңгушка бөлүп берет. Бийликтин айынан Адигине Тагайга нааразы болуп ич ара келишпестик пайда болот[25].

Экинчи бир уламышта Адигине менен Тагай энчи бөлүү тоюн өткөрүп, кыргыздардын салты боюнча малды, элди экиге бөлөт. Оштун Кара дарыясын чек кылып күн батыш жагын Адигине бий, күн чыгыш жагын Тагай бий алган. Энчи бөлүшкөндө эки жаат болуп ордо атышат. Бул адат эле. Ордонун айынан чыр чыгып эки тарап чабышат. Чыр араң басылып, Адигине менен Тагайдын ортосундагы кастык күчөйт. Натыйжада Тагай өз элин гана башкарып калат. Анын ээлеген жерлерине башы Ат-Башы, батышы Наманган, аягы Кетмен-Төбө, Чаткалга чейинки жерлер кирет[26].

Демек, бул маалыматтар кайсы бир деңгээлде оң канаттын ичиндеги өз ара бөлүнүү, болгондо да алардын саясий эки бутакка ажырагандыгын чагылдырып жаткандыгын баамдайбыз. Көрсөтүлгөн аймактар, өзгөчө Кара дарыянын алабы санжыранын башка варианттарында Адигине менен Тагайдын энчи бөлүшкөн жери катары айтылат[27]. Ал тургай А.Бернштам талдоого алган «Батыш аймактарынын географиялык жазылышы»

Си-юй-тучжи») аттуу 1782-ж. таандык Кытай дарегинде, батыш жана чыгыш кыргыздары жөнүндө маалыматтар эскерилип, алардын чеги катары Кара дарыя көрсөтүлгөн[28]. Тарыхый булак кыргыздардын чыгыш бутагынын ээлеген аймактары, Кара-Буура суусунун (Талас суусунун сол куймасы) жогорку алабына чейин созуларын белгилейт. Ушул маалыматты чечмелөөгө аракеттенген А.Бернштамдын пикиринде Кытай тарыхындагы батыш жана чыгыш кыргыздары деген аталыш, иш жүзүндө Адигине жана Тагай аттуу эки уруулук конфедерациянын бөлүнүшүн эске алган. Уламыштагы маалыматтар жана А.Бернштам талдоого алган кытай дарегиндеги Кара дарыянын чыгыш жана батыш кыргыздарынын чеги катары көрсөтүлүшү, ал жердин тарыхый-географиялык аймак экендигин айгинелейт. Андыктан, тарыхый булактардагы маалыматтарда сөз Кара дарыянын алабы оң канат курамынын саясий тарыхында түндүк кыргыз урууларынын башын бириктирген Тагай, түштүк кыргыз урууларынын башын бириктирген Адигине бутактарынын өсүп чыгышындагы маанилүү тарыхый аймак жөнүндө кабар берип жаткандыгын ырастайт.

А.Бернштам талдоого алган кытай дареги боюнча чыгыш бутагына кирген беш уруунун ичинен сарыбагыш жана саяк гана белгиленип, ал эми батыш кыргыздарындагы 15 уруунун ичинен адигине, моңолдор, черик жана басыз уруулары эскерилген. Сыягы аталган булакта эки саясий бутактын курамына кирген уруулар толук көрсөтүлгөн эмес. Бирок, ошол эле Чыгыш Түркстандагы кытай бийлигинин аскердик төбөлдөрүнүн жеке байкоолорунун негизинде 1763-1770-ж. аралыгында түзүлгөн «Си-юй-чжи» («Батыш аймактарын сүрөттөп жазуу») аттуу даректе, кыргыздар XVI к. ортосунда, түштүгү «тогуз уул» («то-го-со-хо-лэ») жана түндүгү «кыргыз» («кэ-эр-гэ-цы-сы») аталган бутактарга ажыраганын баяндайт. Анда мындай деп айтылган:

«Акырындык менен элдер көбөйө берди, жайыт баардыгына жетишпеди жана ушунун айынан жер үчүн күрөш башталды. Алар мындан 220 жыл мурун өз ара тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элди, жерди теңме-тең экиге бөлүштүрүштү. Эки бөлүккө ажыратып байлардан жетекчилерди тандашты жана ар биринин ээликтерин көрсөтүштү: жер, суу, тоо – түндүк жана түштүк бутактарына ажырады, түштүгү «то-го-со-холэ» («тогуз уул»), түндүгү «кэ-эр-гэ-ци-сы» («кыргыз») аталды. Бутактын аталышы илгертен түпкү уруунун аты саналат. Ар бири дагы салааларга ажырайт»[29].

Кол жазмада кыргыздардын түштүк («тогуз уул») бутагына кыпчак, каратегин, багыш, адигине, бөрү, найман, жору, төөлөс уруулары, ал эми түндүк («кыргыз») бутагына саяк, сарыбагыш, кытай, кушчу, саруу, моңолдор, солто, ават, мундуз, черик уруулары кирген[30].

Тегинде бул маалыматтар, кыргыздардын саясий уюмдашуусун аңдап билүүгө кызыкдар болгон кытай төбөлдөрү үчүн уруулардын этникалык түзүлүшүнө караганда, алардын чыгыш (түндүк) жана батыш (түштүк) бутактарында топтолгон уруулардын саясий уюмдашуу түзүлүшүнө маани бергенин көрөбүз. Анткени, Чыгыш Түркстанды басып алып батыш чөлкөмдөрүнө өздөрүнүн үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн кытай бийликтеринин бул маалыматтары кыйла так болууга тийиш.

Аталган бирикмелердин келип чыгышы буга чейинки тарыхый жараяндар менен тыгыз байланышып, кыргыздардын Ала-Тоо аймагын толук ээлеп өздөштүрүшү, алардын саясий уюмдашуу түзүлүшүнө олуттуу таасир бергендигинен улам башталган. Ошол мезгилдеги саясий кырдаал болжолу, оң канат жана сол канат уруу бирикмелериндеги саясий тең салмактуулуктун бирдей абалда сакталышын камсыз кылбаган өңдөнөт жана XVI к. IIчи жарымында Оштун үстү Кара дарыяда оң канат уруулук бирикмеси, Адигине жана Тагай деп аталган эки саясий бутака ажырашына алып келет. Ушул тарыхый окуядан 200 жылдан ашык мезгил өткөндөн кийин, XVIII к. кытай даректеринде белгиленген батыш (түштүктогуз уул) жана чыгыш (түндүккыргыз) кыргыздары деп аталган уруулук саясий бирикмелердин (конфедерациянын) негизин Адигине жана Тагай бутактары түзүп тургандыгын көрүүгө болот[31].

Анткени буга чейин XVI к. Моголстан аталган ири аймактын кыргыздардын колуна өтүшү, ал жердеги могол урууларынын калган-каткан бөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуу менен аяктаган. Алардын басымдуу бөлүгү моңолдор деген жалпы этникалык ат менен оң канаттын курамына кирип анын структуралык түзүлүшүн кеңейткен. Ал тургай, могол этностук чөйрөсүнө таандык баарын, баргы, черик, дуулат сыяктуу ж. б. уруулук топтордун оң канатка кириши, моголдор негизинен кыргыздардын аталган бөлүгү менен көбүрөөк аралашкадыгынан кабар берет.

  • к. аяк ченинен тартып тарыхый этникалык процесстердин тез өнүгө башташы менен кыргыздардагы башкаруу жана бийлик системасын калыптандырган дуальдык негиздеги уюмдашуу түзүлүшү, алардын өз алдынча саясий ээликтерин бекемдөө менен кыска мезгилдин аралыгында көчмөн мамлекеттин пайдубалын түптөөгө жетиштүү мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылган. Бирок, жергиликтүү аймактык-географиялык өзгөчөлүктөр менен бирге, өздөрүнүн көчмөн табиятына мүнөздүү патриархалдык-уруулук салт-санаалардын таасиринен, бардык этномаданий чөйрөнү бириктирип келген дуальдык түзүлүштүн тарыхый нугу улам башка жакка бурулуп жаткан жагдайга туш келген. Түзүлгөн ушундай тарыхый кырдаалдан кийин, дуальдык этносаясий түзүлүш бардык урууларды кыргыздардын айланасында топтоп баш коштурган этникалык миссиясын аяктап, эми ал кыргыз урууларын саясий жактан бириктирүүчү уюмга жана идеологияга айланган. Идеологиялык жактан ал элдин бир башаттан тарагандыгы тууралуу этностук аң сезимди калыптандырып, кыргыздардын Теңир-Тоодогу адепки «отуз уул» жана «он уул» уруулук бирикмесинен кийин соңку тарыхта, аларды бириктирген оң канат жана сол канат уруулук түзүлүшү жөнүндө баалуу кабарларды санжырада сактап калган[32]. Кыргыз урууларынын саясий уюмдашуу түзүлүшү эми башка деңгээлге өтүп этносаясий жана географиялык, о.э., чарбалык-экономикалык жана демографиялык факторлордон улам дуалдык уюмдашуунун ички саясий структуралык түзүлүшү олуттуу мүнөздө өзгөргөн. Натыйжада, кытай даректери жана санжырадагы маалыматтар ырастагандай оң канат уруулук бирикмеси Адигине жана Тагай аталган эки саясий бутака ажыраган. Иш жүзүндө бул эки бутак тарыхый аренага кыргыздардын соңку орто кылымдардагы саясий түзүлүшүнүн салт-санааларын уланткан бирикме катары чыккан.
  • к. таандык «Маджму ат-таварихтеги» («Тарыхтардын жыйнагы») маалыматтарда Тагай бутагынын курамын жедигер, бугу, солто, сарыбагыш жана саяк уруулары түзгөн. С.М. Абрамзон «Маджму ат-таварихтеги», «уруу-уруктук структуранын даана берилиши, XVI к. кыргыз элинин этникалык курамынын турукташып калгандыгын аныктайт», – деп жазган жери бар[33]. Эгер ушул көз караштан алып карасак, Тагай бутагынын структуралык түзүлүшү белгиленген уруулардан да көп болууга тийиш эле. Анткени, ошол мезгилде кыргыздардын Моголстандагы башка урууларды өзүнө сиңирип алуунун тарыхый жараяны толук аяктап, жалпы эле ошол аймактагы ири этникалык алакалардын тарыхый өтмүшү соңуна чыккан жана кыргыздар, өзбектер менен казактар сыяктуу эле өз алдынча саясий мамлекеттик түзүлүшү бар эл катары таанылган[34].

Саясий түзүлүштүн курамына кирген оң канаттын Тагай тобунун негизин: сарыбагыш, солто, бугу, багыш, жедигер, саяк, азык, черик, моңолдор менен бирге сол канат уруулары түзүп, бул структуралык курам XVI к. экинчи жарымынан кеч калыптанган эмес. Мындай түзүлүш уруу-уруктук уюмдашуунун төмөнкү баскычынан тартып, уруулук-патриархалдык принциптерге негизделген бийликтин жана башкаруунун системасын калыптандырып, көчмөн мамлекеттин саясий жана социалдык уңгусун аныктай баштаган. Алардын ички структуралык түзүлүшү мурдатан келе жаткан салттуу жол-жоболорго жана эреже-мыйзамдарга негизделип, уруулардын курамындагы төмөнкү уруктук топторго чейинки баскычтарды камтыган. Ар бир урук белгилүү бир уруунун курамына кирүү менен анын саясий-админстративдик бөлүгүн түзгөн. Уруу өзүнүн айланасына сөзсүз эле генеалогиялык жакындыктар боюнча эмес саясий негизде да, башка уруктарды топтой алган. Ошентип Тагай бутагы белгилүү саясий себептерден кийин түндүк Кыргызстандагы оң канат жана сол канат урууларын баш коштурууга мүмкүнчүлүгү бар саясий күчкө айланган. Уруулардын конфедерациялык түзүлүшүнө окшош мындай саясий уюмдашуусу, кыргыздардын көчмөн мамле кеттик бирикмесин аныктай баштаган.

Мамлекеттин негизги саясий белгилери катары, бийлер институтуна негизделген башкаруу системасы, санжырада орун алган туруктуу идеологиясы, ошондой эле бирикменин (конфедерациянын) тутумундагы уруулук өз алдынчалык жана жетиштүү өлчөмдөгү жер, жайыт чектерине ээлик кылуудан улам башталган. Бирок, уруулук өз алдынчалык патриархалдык талаптардын чегинде гана жүрүп, чынында алар саясий жактан жалпы бийликти кармап турган чоң бийдин башкаруусуна моюн сунушкан. Жалпы саясий башкарууну колго алып жана чарбалык маселелерди жөнгө салуу менен учуру келгенде чоң бий, аскердик жетекчилик милдетти да аткарган. Б. Солтоноев билдиргендей XVII к. 20-30-ж. кыргыздарда ушундай бийликти кармап турган инсандардын бири, оң канаттын багыш уруусунан чыккан Көкүм бий болгон. Ушул эле маалымат санжыранын башка варианттарында да учурайт жана Көкүм бийди кыргыздын биринчи башкаруучусу катары санашкан[35].

Санжыраларда Көкүм бийдин ишмердүүлүгү казак ханы Ишимдин (Эшимдин) (1568-1628) башкаруу заманындагы тарыхый окуяларга байланыштырылган жана андан кийин кыргызды кан Теиш башкаргандыгы жөнүндөгү маалыматтар эскерилет[36]. Багыш уруусунун санжыраларында кан Теиш Көкүм бийдин бирде уулу, бирде небереси болуп айтылат. Ал эми Ч. Валиханов жазып алган маалыматтар боюнча, казактарды Эшим хандын небереси Тооке Жаангер уулу менен кыргыздын Теиш бийи башкарган деген маалыматка караганда[37], ал кыргызды XVII к. 60-ж. – XVIII к. башталышына чейин бийлеши мүмкүн. Тооке хандын (1660-1715-ж. бийликте турган) Жаңыл мырзанын окуясына тиешеси бар экендиги жөнүндө айрым маалыматтар бул ойду кыйыр түрдө ырастайт[38]. Экинчиден, Б. Солтоноев келтирген ошол эле маалыматтарда, Эр Эшим башында турган кыргыз-казак күчтөрүнүн калмактарга каршы күрөшүндө арка кыргыздарынын башчыларынын бири Манап аттуу инсан болгон. Ал Иле суусунун боюндагы калмактарга каршы согушта курман болгондугу, ошондой эле ал өз доорунда эл башында туруп бийлик жүргүзгөн феодалдардын (төбөлдөрдүн) бири экендигин белгилеген[39]. Калмактарга каршы Эшим хандын жетекчилигиндеги мындай окуялар 1619, 1620-25-ж. болуп өткөн[40]. Санжырада ошол мезгилден айтылып калган «Каратоко, Манап ай, үй башына бир жылкы, ала бергин санабай», – деген саптар, Манаптын элди былк эттирбей башкарып келгендигин ырастайт, – деп жазган Ы. Абдрахманов[41]. Демек элдик тарыхый маалыматтарда эскерилген Манап бий, учурунда эл башында турган жана тышкы душмандарга каршы күрөштү жетектеген белгилүү башкаруучулардан болгон. Ал тургай ал кол алдындагы букараларынын алык-салык алган. Бул адатта бирикмедеги чарбалык-экономикалык маселелерди жөнгө салуу жана кол алдындагы букараларды көз карандылыкта кармап турган башкаруу ыкмасына байланышкан. Манаптан кийин бийлик анын урпактарына өтүп, манапчылык социалдык катмарынын түптөлүшүнө негиз салынган.

Тарыхтын соңку мезгилдеринде Манаптын урпактары Үчүкө баатыр, кан Кудаян жана Мааматкул бий сыяктуулар эл бийлегендер жөнүндө маалыматтар санжырада жакшы сакталган. Келтирилген маалыматтарга көз жүгүртүп Тагай бутагында башкаруу борбордошкон мүнөздө болбосо да, урууларды саясий негизде бириктирген бийликтин өкүм сүргөндүгүн көрөбүз. Ошондуктан, бир эле маалда кыргыз урууларынын саясий уюмдашуусунун негизин түзгөн Талас, Аксы, Кетмен-Төбө жана ага ыкташ жайгашкан жерлердеги урууларга Көкүм бий башчылык кылып, кийинчерээк бийлик кан Теишке өтүп, бул топ ко жеке эле оң канат уруулары кирбестен, сол канаттын негизги бөлүгү кошулгандыгын белгилөө зарыл. Ал эми алардын Ысык-Көл, Нарын жана Чүй аймактарындагы бөлүгүндө Манап башчылык кылган деп айтууга жогоруда келтирген маалыматтар негиз боло алат.

Манаптан кийин бийлик анын тукумдарына өткөн. Үчүкө баатыр казактын Тооке ханынын тушунда башкарып, болжол менен 1670-ж. орто чендеринде каза болгон. Андан кийин элди Кудаян бийлеген. Элдик уламыштарга караганда Кудаян төрөлгөндө кочушуна кан уучтап түшкөн[42]. Мындай фольклордук мотив кайсы бир деңгээлде Кудаяндын бийлигинин идеологиялык негизин бекемдөөгө багытталган. Анын бийлигинин тушунда кыргыз жергесин жуңгарлар басып кирген. «Элди кара көпөлөк айдаган» заман башталган жана калмактардын кысымынан эл жапырт Ферганага карай сүрүлгөн. Айрым булактарга таянып бул окуя 1697-ж. чейин болуп өткөндүгүн белгилесек болот. Демек жуңгар-калмактардын кысымынан түндүк кыргыздардын алгачкы тобу түштүкө – Ферганага карай сүрүлүшү 1685-1697-ж. аралыгында болуп өткөн. Ошентип XVII к. акырына чейинки мезгилдин аралыгында, биз талдаган кыргыз урууларынын саясий уюмдашуусу, тийиштүү деңгээлде алардын коомдук-саясий жана чарбалык-экономикалык муктаждыктарынын чечилишин камсыз кылган о.э., тышкы мамилелердеги кызыкчылыктарын коргой алган жарамдуу мамлекеттик бирикмеге айланган.

Кыргыздардын бул мезгилдеги саясий уюмдашуусу, чакан үлгүдөгү көчмөн мамлекеттик түзүлүштү элестеткен. Албетте укуктук пайдубалы патриархалдыкуруулук заң-мыйзамдарга негизделген мындай түзүлүштүн шартында, бийликти борбордоштуруунун өзү мүмкүн эмес эле. Сыягы ага караганда уруулардын генеалогиялык жалпылыктарына негизделген башкаруу ыкмасы, саясий да жана идеологиялык жактан да өзүн актай алган. Ушундай шартта, мамлекеттик бирикменин саясий негизин түзгөн ар бир уруунун башкаруучу бийлеринен сырткары, жалпы бирикменин башында турган «жогорку башкаруучу» (верховный правитель) чоң бий шайланып, ага андан төмөн турган уруунун бийлери номиналдуу баш ийишкен. Санжырадагы маалыматтардын ырастаганы боюнча XVI к. акырынан тарта, белгиленген саясий түзүлүш түндүк кыргыз урууларына өтө мүнөздүү болгон. Мындай түзүлүш, кыргыздардын көчмөн турмушуна толук ылайыкташып, патриархалдык-уруулук эреже-мыйзамдарга негизделген бийлик талаптары саясий жана чарбалык, о.э. аскердик-коргонуу маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Башкарууну ишке ашырууда мындай жагдай жеке бийликке жол берген эмес. Тактап айтканда, бийлик белгиленген функцияларды аткаруу менен ар кандай олуттуу маселелерди чече келгенде, жогорку башкаруучу саналган чоң бийге эл акыл салып, калган учурларда уруулардын өз алдынчалыгына жол берилген. Бирок, түндүк кыргыз урууларынын мамлекеттик бирикмесинин түптөлүшүнө жана андан ары бекемделишине, ички саясий жагдайлар менен бирге жуңгар-калмактардын басып кириши терс таасирин тийгизген. Тагай бутагына баш кошкон уруулар калмактардын кысымынан Фергананы көздөй жылууга аргасыз болгон. Түндүк кыргыз урууларынын отуз-кырк жылдан ашык четте жүрүшү, алардын саясий түзүлүшүн бошоңдотуп, бирок уруулардын мурунку салттуу уюмдашуу түзүлүшүнүн негизин сактап калган.

Цинь-Кытай империясынын Жуңгар мамлекетин кыйратып эми Чыгыш Түркстанды басып алууга жасаган аракеттеринин күч алышы, кыргыз урууларынын өз алдынчалыгын сактап калуунун маселесин кайрадан күн тартибине койгон. Аны менен бирге өз жерлерине кайтып келип, али чачкын жайгашкан уруулар баш-аягын жыйгыча, калмактардан кийин кыргыз жерлерине ээлик кылууга дооматын арткан кытай бийлигинин Чыгыш Түркстандагы өкүлдөрү, кыргыздарга карата жер жана жайыт маселесин көтөрө башташкан. Андагы башкы маселе Синьцзяндагы саясий окуялардан кыргыздарды оолактатуу Кытай бийликтери үчүн олуттуу маселелер дин бирине айланган. Ушундай шартта кайрадан кыргыз урууларынын саясий жана аймактык биримдигин бекемдөөнүн жана сактап калуунун зарылчылыгы келип чыккан.

Б. Солтоноевдин маалыматтары боюнча бул мезгилде сол канаттын курамындагы кушчу, саруу, кытай уруулары Меркенин күн чыгышынан тартып Таластын батышына чейинки аймактарды ээлеп, башчысы Бүргөнөн атасы Жетим баатыр болгон. Солтолор Меркенин күн чыгышынан Ысык-Атанын күн чыгышына чейин ээлеп, Кетмен-Төбөдө 85 жашында Кошой бий өлгөндөн кийин башчысы Жамансарт экендиги айтылат. Саяктар Кетмен-Төбөдө турганда арасы бузулуп, алардын Мурат Алдакоргон баштаган бөлүгү Жумгал, Нарынга келип орношкон. Сарыбагыштар күн батыш Чүйдүн, ЫсыкАтанын күн чыгышынан Чүйдүн көкүрөгү Ысык-Көлдүн көчүгү (түндүк-батышы, Т.А.) Кочкор жана Нарындын түн жак тоосун ээлешкен. Башчысы Тынай менен Мааматкул болгон. Бугулар бүткүлү менен күңгөй-тескей, көл баштарына келип орношкон[43].

Кыргыздардын өз конуштарына келип жайгаша баштаган мезгил кытай дареги «Си-юй-чжиде» да баяндалган. Андагы маалыматтар кабарлагандай кыргыздардын түндүк бутагына кирген уруулардын ичинен: 2000 түтүн Болоттун сарыбагыш буруттары Туюк-Жарда, 600 түтүндөн ашык Черикчинин бугу буруттары Үч-Таш-Маралда, 400 түтүн Мураттын басыз буруттары Марал деген жерде, 300 түтүн Ажыбайдын моңолдор буруттары Ала-Букада, 600 түтүн Жамансарттын солто буруттары Онбештак деген жерде, Ныша 300 түтүнү менен Суусамырда, 600 түтүн Нарботонун кушчу уруусу Караколдо (Таластын башы), Чүй жана Таласта Майтыктын 1500 түтүн кушчу буруттары, Таластын Кара-Буура жана ҮйүрлүүМаралында саруу буруттары жайгашып малчылык жана жер иштетүү менен оокат кылышкан[44]. Бул маалыматтар жуңгар хандыгы кулаган мезгилдердеги түндүк кыргыз урууларынын жайгашкан жерлеринин так координаттарын берген. Демек Кытай булактарында чыгыш (түндүк) буруттары аталган кыргыздардын бул бөлүгү А.Бернштам туура баамдагандай Тагай конфедерациясы деп аталууга тийиш. Чыгыш жана батыш буруттардын чеги катары Кара дарыя көрсөтүлүп, чыгыш (түндүк) буруттардын таралышы Кара-Буура суусуна (Таластын сол куймасы) чейин бара тургандыгы, о.э., алар калмактардын кысымынан Анжыяндын чет жакаларында жүрүп Жуңгария Кытайга толук баш ийгенден кийин өздөрүнүн байыркы жайыттары Кегенди, Каркыраны жана Темиртуну (Ысык-Көл) кайрадан ээлешкендиги айтылат[45].

Тагай бутагы уруулардын саясий бирикмеси катары эзелки салтка ылайык, буга чейин туруктуу аныкталып келген көчмөн коомдук түзүлүштүн жол-жоболоруна ылайык уруулардын саясий уюмдашуусунун мындан ары да бекемдеген. Уруулук бирикмедеги (конфедерациядагы) бийлер институтуна негизделген башкаруу системасы, уруулардын үстүнөн бийлик жүргүзүүнүн негизги институт болгон. Кытай булактарынын ырастаганы боюнча, ошол мезгилде «Кыргыздардагы ээлик кылуучулар бий деп аталган. Бийлер ондон жыйырмага чейин, айрымдары отузга чукул айылдарды ээлешкен. Бийлердин жерлери жана кол алдында баш ийгендери бар. Алардын бардыгы бир катарда турат жана бири-бирине көз каранды эмес. Качан бий өлгөндө анын ордуна уулун же бир тууганын дайындашат. Башкалардын буга укугу жок», – деп айтылат[46].

Кытай булактары кыргыз коомундагы бийликтин реалдуу өкүм сүргөндүгүн жазган. Жыл сайын, деп айтылат ошол булакта, жалпы башкарууну колго алган жана ага бардыгы баш ийген бир башчыны (булакта «чжан» деп айтылган) шайлашат. Башчылыкка шайлангандын ысымы Маматкулу (Ма-му-гу-ху-ли)[47]. А.Бернштамдын пикиринде кытай булактарында берилген башкаруучу титулу, аныгында ошол мезгилде кыргыздарды башкарып турган шайлануучу ханды эске алган. Оку муштуунун бул оюу санжыраларда кыйыр далилденет. Мисалы, 1897-ж. жазылган санжыранын көчүрмөсүн Деркембаев Момункул сактап келген. Кол жазмада кыргыз уругуна Мааматкулду башчы кылып кан ордуна көтөрүп, бийлик бергендиги тууралуу маалыматтар учурайт[48]. Алымбеков Тургунбектин санжырасында Мааматкул менен Кошой бий (Кошой 1753-ж. Кетмен-Төбөнүн Коңур-Өгүзүндө өлгөн. Т.А.) Кетмен-Төбөгө топтолгон кыргыздардын башында туруп калмактарга каршы күрөштү жетектешкен. Мааматкул бий элди Ысык-Көлгө, Чүйгө көчүрүп келгенде кыргыздардын башында турган[49]. Ошондуктан кытай бийликтери кыргыздар менен саясий-дипломатиялык алакаларды түзө баштаганда жалпы уруулук бирикменин башчысы катары Мааматкул бий менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн жана кыргыз урууларынын өкүлдөрүнөн турган элчилердин тобун императордун кабыл алуусуна жиберүү тууралуу макулдашууларга келишкен. Анын үстүнө ушул окуяларды коштой өз конуштарына кайтып келген кыргыз урууларынын саясий бирикмесинин негизин бекемдөөдө Мааматкул бий негизги ролду ойногон.

Чыгыш Түркстандагы Кытай императорунун бийлигинин чабармандарынын жергиликтүү кыргыз бийлеринен алган маалыматтарында Таластагы 4000 түтүн кыргыздар Мааматкул бийге баш ийип турган жана жардамчылары Каработо бий кытай уруусунан, Майтык бий кушчудан жана Акбай бий саруу уруусунан болгон[50]. Демек, Мааматкул бий башында турган түндүк кыргыз урууларынын саясий бирикмесинин уюткусун сол канаттан – кытай, кушчу, саруу; оң канаттан – сарыбагыш, саяк, бугу, чекир-саяк, солто, моңолдор, черик ж.б. уруулар түзгөн. Мындай бирикме уруулардын жалпы саясий кызыкчылыгын сактап жана алар ээлеп жаткан жерлердин аймактык бүтүндүүлүн коргоп калууга багытталган аракеттерди жүзөгө ашыра алгандыгы менен мүнөздөлгөн. Натыйжада калктын өсүп-өнүгүшү менен Борбордук Азиянын тоолуу мейкиндигин ээлеп канатбутагы жайылган кыргыздар, ири этносаясий бирикме катары эл аралык мамилелердин объектиси катары тааныла баштаган. Эми аларды бириктирген оң канат – сол канат түзүлүшү турпаты боюнча надстройкалык, ал эми мазмуну боюнча алардын биримдигин кармаган идеологияны айланган. Мындай тарыхый шартта географиялык факторлордон сырткары, аймактагы саясий өзгөчөлүктөрдөн улам оң канат – сол канат структурасынын ичинен башкарууга жөндөмдүү жаңы бирикменин бөлүнүп чыгышы табигый көрүнүш болгон. Натыйжада, XVI к. IIчи жарымында калыптанган кыргыздардын этносаясий түзүлүшү, XVIII к. 50-ж. жуңгар-калмактардын баскынчылыгынан кийин кайрадан бутуна туруп, мезгилге жараша уруулардын баш кошуп биригүүсүн мындан ары да камсыз кылган көчмөн мамлекеттик бирикме (конфедерация) формасында жашоосун уланткан.

Түндүк кыргыз урууларынын саясий түзүлүшүндө бийлик уруулук иерархиялык талаптарга негизделип, бийлер институту аркылуу жүзөгө ашырылган. Мамлекеттик бирикменин курамын түзгөн уруулардын ички структурасы эзелки патриархалдык традициялардын каттуу сакталышы менен бекемделген. Уруу кезегинде, жогору жактагы башкаруучу чөйрөнүн көрсөтмөсүн алып ага баш ийгени менен көпчүлүк учурларда башкаруу бийлигинин өз алдынча автономиясына жол берилген. Жогорку башкаруучу чоң бийдин алдында, жалпы кеңеш бийлердин тобу өкүм сүрүп олуттуу маанидеги маселелер макулдашылып чечилген. Уруулар бирикмесинде (конфедерацияда) толук кандуу мамлекеттик башкаруу аппараты жана жетиштүү даражадагы алык-салык саясаты жүрбөгөн күндө да, мамлекеттик бирикменин ички саясий институттары уруулук-патриархалдык талаптардын негизинде бекемделип туруктуулукка ээ болгон. Ошондуктан этносаясий бирикмедеги кайсы бир иштердин аткарылышы же жөнгө салынышы атайын мыйзамдар аркылуу көзөмөлдөнгөн эмес. Бирок мурдатан туруктуу колдонулуп жана элдик салт-санаадан ке лип чыккан эрежелер жана адат-расимдер мыйзамдын кызматын аткарган. Бийлердин арасында эрежени жакшы билип чечмелегендер болгон. Анын жалпы жоболору эреже-адатка жана салт-санаага негизделген. Көчмөндөрдүн күнүмдүк жашоосунда көп кездешкен жылкы тийип барымта алуу, эр өлтүрүү, жайыт талашуу сыяктуу ж.б. иштердин бүтүмү негизинен калкка маалым болгон. Ага карабастан мамлекеттеги жогорку башкаруу бийлигин кармап турган башкаруучу чоң бий же болбосо чоң баатыр аталып, мамлекеттик бирикмедеги (конфедерациядагы) ички жана тышкы саясатты жөнгө салуу менен жалпы аскердик жетекчиликти колго алган. Мындай бийликти кармаган Мааматкул бий айтылуу Үчүкө баатырдын уулу жана анын бешинчи муундагы атасы Манап бий болгон[51]. Тарыхый булакта эскерилген Черикчи бий сарыбагыш уруусунан башкарып, бир эле маалда бугуларды бийлеген[52]. Кытай булактары боюнча чекир саяктардын башкаруучулары Түлкү бий менен Шербек 500 түтүн элдин үстүнөн бийликти тең бөлүшкөн53. Түлкү бий Айт (Айты, Айта) уулу, аталган уруунун кулжыгач бутагындагы итэмген тобунан чыккандыгы жөнүндө С.М. Абрамзондун маалыматын дагы бир ирет тактоого мүмкүнчүлүк түзүлдү54. Орус автору капитан Андреевдин жазганы боюнча анын уулу Кедей 1785-ж. саяк волостун башкарып турган[53]. Конфедерациянын курамындагы сол канат урууларын жалпы жонунан Каработо бий башкарган. Кытай уруусунун байтике бутагынын кыйра тобунан чыккан Каработо Кочкор уулу, эл башкарып кан болгондугу санжырада айтылат[54]. Каработо бийден кийин бийликке тиешеси бар башкаруучулардын катарында, 70 жаштагы кушчу уруусунун бийи Майтык эскерилген[55]. Майтыктын уулу Эшботонун да бийликке аралашканы кытай булактарында эскерилет. Сол канат урууларынан кытай императоруна бара турган элчилерге Каработо өзүнүн жээни Хабицини (ысым кытай транскрипциясында берилген, Т.А.), Майтык кичүү иниси Шүкүрдү жана саруулардан Акбайдын уулу Боруке менен Айдарбектин иниси Ноци кошула тургандыгы алардын чабармандарынын алдында макулдашылган[56]. Келтирилген маалыматтар ошол мезгилдеги уруулардын мамлекеттик бирикмесинде ички жана тышкы саясий мамилелердин кайсы бир даражада жөнгө салынып турганынан кабар берет.

Бирикменин ички түзүлүшүнүн, саясий структуралык курамын айкындоодо бул маалыматтардын олуттуу мааниси бар. Анткени бирикменин структуралык курамын түзгөн кытай, кушчу, саруу ж.б. уруулардын бийлери, иерархиялык негизде сол канаттын башкы бийи Каработого баш ийишкен. Өз кезегинде алар чогулуп мамлекеттик бирикмедеги жогорку башкаруучу чоң бийге тийиштүү жагдайларда көз каранды болушкан. Бул адатта ички-чарбалык жана тышкы, о.э. аскердик-согуштук маселелер менен байланышкан. Калган убактарда бийликти атадан балага калтыруу салты сакталып, бирок бийлик башкаруу чөйрөсүндөгү туугандык жагынан башка кишилерге да өтүп турган. Кытай булактарында эскерилген бийлердин генеалогиясын салыштырып караганыбызда, бул ой кайсы бир деңгээлде ырасталат. Мисалы сол канатка кирген кушчу уруусунун башкаруучусу Майтык бий Каймазар уулу жоош уругунан чыккандыгы жөнүндө С.М. Абрамзондун маалыматтары дагы бир ирет салыштырылып такталды. Тарыхый булактарда эскерилген Эшбото анын алты уулунун бири жана Шүкүр чынында иниси экен[57]. Ал эми саруу уруусунун башкаруучу бийи Акбай Арзыгул уулу алакчын уругунан чыккан жана эскерилген Боруке Акбай бийдин агасы Тагайкулдун уулу болуп чыкты[58]. Акбай бий менен катар эскерилген Айдарбектин ысымын азырынча тактай албадык. Белгиленген тарыхый инсандар мамлекеттик бирикменин курамына кирген сол канат тобунун башкаруу бийлигин кармап турушкан.

1758-ж. мамлекеттик бирикмени башкарган Мааматкул бийдин атынан сарыбагыш уруусунун бийи Черикчи, чекир саяктардан Түлкү бий жана Шербек, о.э. солтолордон Ныша баатыр баш болгон элчилердин тобу Кытай императорунун сарайында кабыл алууда болушкан[59]. Элчилердин барышын, кытай бийликтери кыргыз урууларын империянын вассалы катары тааный тургандыгын эскертүү менен аларга Кытайдын бийлик төбөлүнүн даражалык-чин белгилерин ыйгаруу менен чектелген. Эң башкысы барган элчилик, Ысык-Көл жана анын чыгышындагы Каркыра, Кеген, Текес жерлери кыргыздарга гана таандык экендигин бекемдей алгандыгы менен миссия өз милдетин аткарган. Сыягы, эки тараптын саясий кызыкчылыктарын аныктаган маселелер, аталган элчиликтин барышы менен чечилген. Элчиликке баргандардын бири Шербек кытай булагында Мааматкул бийдин жакын тууганы деп айтылат. Бирок Шербек Жакшыбай уулу, чекир саяк уруусунун курманкожо уругунан чыккандыгын санжыра боюнча тактай алдык[60]. Солто уруусунун өкүлү Ныша баатыр Кудайменде уулу асылбаш уругунан чыккан. Анын Кытайга элчиликке барып «өтөгө тыңса» деген даража алып көк таш сайынып келгендиги санжырада дагы эскерилет[61].

Ошентип Мааматкул бий жетектеген кыргыздардын мамлекеттик бирикмеси XVIII к. 50-ж. түндүк Кыргызстандагы урууларды баш коштуруп бириктирүү менен калмак баскынчыларынан бошотулган кыргыз жерлерин коргоп калууга багытталган олуттуу чараларды жүзөгө ашырган. Бирикменин андан ары өнүгүшү жана бекемделиши анын курамына кирген уруулардын санжырада орун алган идеологиясы аркылуу чыңдалып, алардын жалпы коомдук аң-сезимин калыптандырган. Мунун өзү мамлекеттик бирикменин саясий-идеологиялык негизин бекемдөөнүн бирден-бир мүмкүнчүлүгү болгон. Чарбалык-экономикалык маселелерди жөнгө салуу бирикменин курамындагы ар бир урууга таандык жер, жайыт чектеринин так аныктаган жана алардын негизги чарбалык ошондой эле ички экономикалык талаптарын камсыз кылуу менен коштолгон. Географиялык-климаттык чөйрөгө жараша вертикалдык көчүүгө ылайыкталган чарба жүргүзүү белгилүү жайыт чектерине туруктуу ээлик кылуунун сакталышын камсыз кылган.

Кыргыздардын түштүк-батыштагы чоң бөлүгү Кытай булактарында батыш кыргыздары аталган. Алар шарттуу түрдө «тогуз уул» катары таанылып, айланасына мурдагы «отуз уулдун» курамына кирген түштүк-батыш аймактардагы оң-сол уруулары менен бирге булгачы (ичкилик) тобундагыларды да камтыган. Анткени, кыргыздардын бул тобун бийлеген Ажы бийдин Кытай бийликтерине жолдогон катында, «Бухарадан чыгыштагы 210 миң адам – биз баарыбыз тең силерге букарабыз» – деген формалдуу билдирүүсүнө караганда[62], алар жеке эле адигине уруусунан турбаган. Аталган түштүк-батыш чөлкөмүндөгү кыргыз урууларынын басымдуу бөлүгү ушул бирикменин айланасына баш кошуп турушкан. Булакта аларга байланыштуу мындай маалыматтар келтирилген: «Кокондон түз түштүктө 12 күндүк жолдо Каратегин жайгашкан… Каратегин буруттарынын башчысы Ходжому-яр (Кожомжар) кол астындагы тогуз урууга (кыдырша, тейит, бостон, окчу, жедигер, кесек, актачы, чоң кыргыз, найман) бийлик кылат… Кашкардан түз батышты карай 16 күн жол жүрүп, Алайга жетишет. Алайдын дагы бир аты ичкиликтердин жергеси деп коюшат. Эзелтен буруттардын 8 уруусунун (төөлөс, кыпчак, азык, бостон, мундуз, багыш, найман, басыз) конуш журту болуп келген. Калкы көп сандуу…Ош жергеси буруттардын 7 уруусунун (кармыш, жору, орто-мунки[ардай, мөнөк.Т.А.], бөрү, баргы, кара багыш, коңураттын конуш журту. Калкы көп сандуу. Алайда болсо күздүк айдоо аз. Сээп-өстүргөндөрү жетилбейт, андыктан эгин-тегинди Кокондон алышат. Соңку убакта Кокондун күч-кубаты аябай өстү, ошондон улам алар (буруттар) Коконго көчүп атышат. Он жылдан ашуун мезгил арасында бул атрабтагы конуш журттар ээн калды»[63]. Булакта абдан кызыктуу маалыматтар келтирилген. Анткени мында алгачкы жолу кыргыз урууларынын ичкилик тобунун аталышы эскерилүүдө. «Алайдын дагы бир аты ичкиликтердин жергеси», – деп айтылганы бекеринен эмес. Анткени булгачы аталган уруулар тобунун тарыхый-географиялык жайгашкан жерине ылайык XVIII к. ортосунда эле ичкилик аталып калганы баалуу тарыхый маалымат. Термин болжолу мындан мурда эле, балким булгачы деп «Маджму ат-Таварихте» эскерилген мезгилден тартып алардын каймана аталышы катары калыптанса керек. Болбосо бул термин кытай даректеринде жазылып калмак эмес. Демек XVIII к. ортосунда эле ичкилик термини булгачы курамына кирген уруулардын аталышы катары элдин түшүнүгүндө калыптанып калган. Аны менен бирге көрүнүп тургандай, кыргыздардын түштүк-батыштагы аталган тобу бир өңчөй уруулардан куралбаган. Алардын курамына оң – сол менен ичкилик урууларынын топтору да кирген. Мындай жагдай кыргыздардын уруу-уруктук бөлүнүүгө ылайык белгилүү аймакты ээлеп жайгашуусу кырдаалга жараша улам маанисин жоготуп баштагандыгы менен түшүндүрүлгөн. Ага Жуңгар хандыгынын мезгилиндеги чоң миграциялык процесстер өз таасирин тийгизген.

Булактарда аталган кыргыздардын бир катар уруу башчыларынын ысымдары эскерилет. Алардын эң көрүнүктүүсү Ажы бий болгон. Ажы бий Цинь бийликтерине элчи жиберип формалдуу түрдө Кытай императоруна букарабыз дегени менен иш жүзүндө көз каранды эмес өз алдынча саясат жүргүзгөн башкаруучу болгон. Ал Кокондун башкаруучусу Ирдана бий менен тең аталыкта туруп аны менен Ош жана Өзгөн калаалары үчүн күрөштөрдө, Цинь бийликтеринен колдоо издеп мамиле түзүүгө аракет кылган. Ажы бийди бооруна тартууну көздөгөн Кытай бийликтери ага грамота жана мөөр тартуулаган[64].

Тагай уруу бирикмесинин соңку мезгилдеги саясий тарыхын, коңшулаш казак уруулары менен болгон мамиленин өнүгүшүндөгү окуялардан улам тыңдайбыз. Калмактардан кийин эки элдин жер жана жайыт боюнча бири-бирине доомат арткан карама-каршылыктары күч алып, негизи чырдын башталышы ушул маселеге барып такалган. Санжырадагы маалыматтар боюнча, ошол мезгилде казак менен чектешкен кыргыздын жалпы жөнүн Эсенгул баатыр билген[65][66]. Бул тууралуу 1780-ж. Абылай хандын алдына барган кыргыз элчиси Түлөберди бий, «кыргыздар өз ичинен оң жана сол деп бөлүнөрүн, ар бир уруктун башчылары бар, бирок улуу сөз Эсенгул баатырдан тарап, аны сол атанган эл дагы угат», – деп билдирген[67]. Ага чейин казак уруулары менен болгон мамилени жөнгө салуу жана кыргыздарга таандык конуштарды казактардын ээлеп алышына жол бербөө маселесин козгогон бийлерди баш коштурган чоң топ Таластын оозундагы Капкада болжолу 1770-71-ж. Эсенгул баатырдын жетекчилигинде өткөн. Жыйынга солто уруусунун башы Эсиркемиштин уулу Кебек бий жана Кошойдун уулу Момокон, саяктардын түнкатар уругунан Арзыматтын уулу Садыр, чекир саяктардан Түлкүнүн уулу Качыке, ал эми сол канаттан саруунун бошмоюн уругунан чыккан Туума бий катышкан[68][69]. Топто кыргыз урууларына таандык конуштарды сактап калуу үчүн КетменТөбөдөгү каба саяктарын Таластын аягына, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүү керектиги жөнүндө бүтүмгө келишкен. Сөз кылган жыйын, кайсы бир деңгээлде түндүк кыргыздардын мамлекеттик бирикмеси жашап тургандыгын жана жалпы бийлердин кеңеши, кыргыз ээликтеринин чектерин бекемдөөгө умтулган саясатты колго алгандыгын билдирет. 1779-ж. Абылай хандын кыргызга жасаган чоң чабуулунун[70] сонунда эки элдин жер чегин ажыраткан сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул боюнча, 1780-ж. Абылай хандын алдына барган кыргыз урууларынын башкаруучу бийлеринин тобу, сол канаттан Туума бий жана Мама бий, солтодон Кебек бий жана Түлөберди, сарыбагыштан Эсенгул баатыр менен Атаке баатыр, бугудан Бирназар, чекир саяктан Качике баатыр, саяктан Сейит бий жана Келдибек баш болгон Тагай бутагынын аттуу-баштуулары кыргыз-казак жер чегин ажыратышкан[71].

Бул чек ажыратуу болжолу калмактардан кийин, эки элдин саясий-мамлекеттик түзүлүшүнүн аймактык негизин аныктаган биринчи келишим болгон. Эсенгул баатыр кыргызды бийлеп турган мезгилде, Кытай менен да жер чеги ажыратылып Музарттын суусундагы Айгыр-Жалды чек кылып бөлгөндүгү жөнүндө маалымат Деркембаев Момункулдун кол жазмасында эскерилет[72].

Белгиленген маселелердин жүзөгө ашырылышы менен мамлекеттик бирикменин тышкы саясатындагы маанилүү маселелер чечилген. Алтургай ошол мезгилдерде кыргыз конуштары эл аралык соода катнаштарынын объектисине айлана баштаган. Өзгөчө Россия империясы Кытайдын батышы жана андан ары Индия, Тибет, Кашмир өлкөлөрү менен соода катнаштарын орнотууда транзиттик кыска жана ыңгайлуу маршрут катары кыргыз конуштары аркылуу өткөн жолдорду тандап алышкан. Анткени Россиялык көпөс кербендеринин Индияга чейин каттаган төмөндөгүдөй соода маршруту иштелип чыккан.

Ыйык Петр чебинен чыгып Орто жүздө жайгашкан Бөкөй султандын Каракесек болуштугуна – 20 күн, Бөкөй султандан жапайы тоолук кыргыз Атаке баатырга – 20 күн, Атаке баатырдан Качыке Кедейге – 5 күн, Качыке Кедейден Кашкарга – 10 күн, Кашкардан Жаркенге – 5 күн, Жаркенден сувамал (Санжу болушу мүмкүн, Т.А.) деп аталган жапайы кыргыздарга – 4 күн, сувамалдардан Джеванди кыштагына чейин – 10 күн, Джевандыдан Кавыл шаарына чейин – 10 күн, Кавылдан Джеванджилик ээликтерде жаткан Тебетке чейин – 10 күн, Тебеттен жапайы кыргыздарга чейин – 6 күн, жапайы кыргыздардан Индияга чейин – 20 күн. Ыйык Петр чебинен Индияга чейинки аралыкты эсептегенде 6000 верстага каршы 120 күн[73].

Орус көпөстөрүнүн соода маршруттары Борбордук Теңир-Тоолук кыргыздардын ээликтери жана Тибеттин этектеринде жайгашкан ичкилик кыргыздарынын конуштары аркылуу өткөн. Кыргыз бийлери соода кербендерин өз конуштары аркылуу өткөрүүгө кызыкдар болгон жана айрым убактарда алардын коопсуздугун сактап бергенге чейинки кызматты аткарышкан. Мындай соода маршруттары кыргыздардын мамлекеттик бирикмесинин эл аралык соода-экономикалык мамилелерге аралашуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Кыргыздардын ыңгайлуу соода жолдорунун боюн ээлеп жатышы чоң мамлекеттерди да өзүнө тарткан. Өзүлөрүнүн жайгашкан жеринин соода-стратегиялык артыкчылык абалын кыргыз бийлери да ички жана тышкы саясий кызыкчылыктарын чечүүдө пайдаланууга аракет кылышкан. Алардын мындай абалы Россия империясын тышкы иштер министирлигинин деңгээлинде көтөрүлүп «андыктан алардын жери ушундай орунда жайгашкан, Россиянын чектеринен ары Кытайдын шаарлары Аксуу, Кашкар, Тибет, Жаркен жана Кашмир менен соода жүргүзүү үчүн аларды жерлерин кыйгап өтүп мүмкүн эмес»[74], экендигин белгилешкен. Ушул жагдайлар кыргыз урууларынын мамлекеттик бирикмесинин тышкы саясий байланыштарынын багыттарынын аныктаганга жана чоң мамлекеттердин кызыкчылыктарынын алкагында ийкемдүү тышкы саясий мамилелерди жүргүзүүгө алып келген. Буга Мааматкул бий менен Ажы бийдин 1758-59-жылы Цин империясына, Атаке баатырдын 1785-жылы Россияга, Эсенгул бийдин 1791-жылы Коконго жиберген элчиликтери мисал боло алат.

Кыргыздардын мамлекеттик бирикмесинин тышкы мамилелерин жөнгө салган элчилик институт ак үйлүү деп аталган. Оң канаттын түпкү атасы Тагай бий өз доорунда Кашкардын башкаруучусу Иреше ханга ак үйлүүгө барып бир нече жыл тургандыгы эскерилет. Калмактарга ак үйлүүгө кыргыз башчыларынан баргандыгы тууралуу айрым маалыматтар да кездешет. XVIII к-дын экинчи жарымындагы кыргыз-казак мамилелеринде аталган институт эки элдин мамилесин жөнгө салууда чечүүчү  роль ойногон жана  ал мурдатан эле көчмөндөрдө туруктуу сакталып келген. Кыргыздардын Аблай хан менен болгон 1779-80-ж-гы согушунан кийин эки тараптын  башчыларынын сүйлөшүүлөрү эзелки салт боюнча чыбык кыркып ант берүү менен аяктап, мындан ары тынчтыкта жашайлы деп макулдашууга келишкен. Кыргыз бийлеринин тобунун чыгарган чечими менен Түлөберди бий казактарга ак үйлүүгө көчүп барып ортодогу ар кандай  чыр-чатактарды чечип турган. Анын негизги милдети мөөнөтү аяктаганга чейин  туруу жана  эки тараптын ортосундагы мамилени жөнгө салуу болгон. Мөөнөттү өтөө учурунда ал барымта алып жылкы тийгенде айдалып кеткен киши жана мал-жанды, талап-тонолгон оокаттарды кайтаруу, кун төлөө сыяктуу башка да маселелерди чечип турган. Түлөберди көчүп барган мезгилде уулу Эшкожо төрөлүп калган маалы жана Канай энесинин курсагындагы убагы болгон. Түлөберди бий казактарда Канай төрөлүп тили казакча чыгып сүйлөп калгандан кийин көчүп келген[75]. Демек кыргыздан ак үйлүүгө барган Түлөберди бий казактардын ичинде кеминде 3 жылдай турган.

Мындай кырдаалдан улам кыргыз урууларынын бул мезгилдеги уюмдашуу түзүлүшүнүн саясий негиздери бекемделген. Анын ички структуралык түзүлүшү да, уруулардын саясий уюмдашып биригүүсүнөн улам өз формасын алган. Тактап айтканда, уруулардын саясий уюмдашуусу коомдогу экономикалык жакындыктарга караганда туруктуу мүнөзгө өтүп, ар кандай туугандык башталыштардан тарта төмөнкү бутактарга чейин уруулардын жана уруулук бирикмелердин иерархиялык негиздеги структурасы түптөлгөн. Мамлекеттик бирикменин структуралык түзүлүшүнүн негизги мааниси ушул маселеде жаткан жана соңку мезгилдерде, уруу-уруктук иерархия жана коомду генеалогиялык негизде уюштуруу, Р.Г.Кузеев белгилегендей, алардын бир убактагы генетикалык жана саясий мамилелерин чагылдырган идеологиялык надстройкага айланып калган[76]. Ошондуктан, саясий кызыкчылыктар тийиштүү деңгээлде уруунун деңгээлинен көтөрүлүп, уруулардын автономиялык мүнөздөгү өз алдынчалыгын жол берген мамлекеттик бирикменин түзүлүшүнө коомдук аң-сезим бышып жетилген жана XVIII к. IIчи жарымында түндүк кыргыз урууларынын саясий түзүлүшүнүн кайрадан жогорулоо мезгили башталган.

Кыргыздардын XIX к. коомдук-саясий турмушундагы олуттуу өзгөрүүлөр манапчылык институтунун жана социалдык катмарынын пайда болушуна байланышкан. Манапчылык институтунун калыптанышы көчмөн мамлекеттик бирикменин саясий негиздеринин чыңдалышына андан ары шарт түзгөн. Анткени генеалогиялык түпкү аталардын бири Манаптан кийин бийлик анын тукумдарына өтүп манапчылык социалдык катмарынын түптөлүшүнө негиз салынган. Ушул ойго басым жасаган С.М. Абрамзон пикиринде «…адабияттарда жана жазма булактарда «манап» терминин XIX к. 30-40–ж. тартып учурашы, манапчылык кыргыз коомундагы феодалдык төбөл катары, бийлердин чөйрөсүнөн XIX к. биринчи чейрегинен эрте бөлүнүп чыккан эмес деген пикирлерди жараткан. Кыргыз уламыштарына таянуу менен айрым тарыхчылар, «манап» термини XVIII к. жаралганын белгилешип, сарыбагыш уруусунун текебер жана өкүмчүл башчысы Манаптын ысымына жалгаштырышат. Адегенде эле, бүтүндөй социалдык институттун келип чыгышын бир эле терминге байланыштыруу негизсиз. Ошондуктан манапчылык «манап» термини пайда болгондон алда качан мурун эле, тап катары келип чыккан. Уламыш боюнча Атаке баатыр Манаптын бешинчи муундагы урпактарынан, андыктан Манап XVIII к. эмес, XVII к. жашаган. Мында маселенин төркүнү «манап» термини, Манаптын жеке ысымынан жаралбастан, өзүлөрүнүн аталышын түпкү аталарынан алган сарыбагыш уруусунун тарыхындагы манап бутагынын үстөмдүк кылуучу абалына тыгыз байланыштуу келип чыккан»[77].

С.М. Абрамзондун пикирине, дагы эмнелерди кошумчаласак болот. Манап социалдык катмарынын түптөлүшү көчмөн мамлекеттик түзүлүшкө жана хандык бийликке жасалган олуттуу кадамдардын бири болгон. Манапчылыктын башталышы анын идеологиялык негиздерин бекемдөөдөн башталган. Кыргыз этнографы А. Жумагуловдун изилдөөсүндө келтирилген Манаптын генеалогиялык таржымалы[78][79], аталган бутактын башкалардан саясий жана социалдык артыкчылыгын көтөрүүгө багытталганын айгинелейт. Генеалогиялык башаттын асылдыгын көргөзүүнүн маанисинде, уруктук кландын туруктуу идеологиясы карманып жатканын да эске алышыбыз керек. Мындай мотив Манаптын тукумдарынын бийликти колго алып, эл башкарган учурунда эле кеңири тараган жана бийлер институтунун алкагынан манапчылыктын бөлүнүп чыгышынын идеологиялык негизин түптөгөн.

Эл оозундагы тарыхый кабарлардын ырастаганына караганда Манаптын урпактары болгон Сүтөй, андан кийин Сарысейит жана анын уулдары Үчүкө менен Түлкү, алардын иниси кан Кудаян, андан кийин Мааматкул менен Тынай эл бийлеп келишкен. Мааматкул бийден баштап манап бутагынан чыккан башкаруучулар тууралуу маалыматтар жазма даректерде учурай баштайт. Анын балдары Темирдин Черикчи бийи жана Болоттун Эсенгул бийи ошондой эле, Тынайдын Атаке бийинен тараган кийинки муундардын мезгилинде, манапчылык коомдо өзүнчө социалдык катмар катары калыптана баштаганын көрөбүз. Андан кийинки XIX к. баш чендеринде Ниязбек, Абайылда, Таштамбек сыяктуу аталган бутактан чыккан башкаруучуларды калкта манап деп атай баштаса керек. Манап даражасы башталышында уруктан чыккан айрым бийлерге гана таандык болсо, эми ал уруулук структуранын бийлик чөйрөсүнө кеңири тарай баштаган. Анткени академик Б. Жамгырчинов белгилегендей, ошол мезгилде т.а., XIX к. биринчи жарымында айрым феодал-төбөлдөрдүн гегемониясын орнотуу жана кеңейтүү аракеттерине байланышкан саясий мүнөздөгү окуялар орун ала баштаган. Буга Ормон хандын түндүк кыргыз урууларынын үстүнөн саясий үстөмдүктү борбордоштуруп колуна алуу, хан бийлигин орнотуу аракети кирет,[80] – деп жазган. Ушундай саясий жагдайларды эске алганда, бул мезгилде манапчылык өз алдынча социалдык катмар катары, коомдук-саясий чөйрөдө үстөмдүк кылган абалга жеткен. Муну С.М. Абрамзон өзүнүн изилдөөсүндө туура белгилегендей манап термини, Манап ысымынан эмес, өзүлөрүнүн атын түпкү аталарынан алган сарыбыгыш уруусунун тарыхындагы манап бутагынын үстөмдүк кылган абалына түздөн-түз байланышкан. Адегенде манапчылык сарыбагыштардын чөйрөсүндөгү манап бутагындагыларга гана таандык болуп кийинчерээк, алардан чыккан төбөлдөрдүн артыкчылык абалына карата айтылган. Соңунда гана манап даражасы кыргыздын башка урууларына тарала баштаган. Муну ырастай турган кызыктуу маалымат 1847-ж. султан Кенесары Касымовду талкалангандан кийин, кыргыз-казак бийлеринин ортосундагы түзүлгөн келишимге тиркелген кыргыз башкаруучуларынын тизмеси ырастайт.

Анда: бий Ормон Ниязбеков – манап, бий Жантай Карабеков – манап, бий Төрөгелди Абайдуллин – манап, бий Калыгул Надырбеков (туурасы Бай уулу) –манап, деп берилген. Алардын катарында Манаптын түздөн-түз урпагы саналбаган – Нооруз Итемгенов (күнтуу), Олжоболот Бектенов (үч багыш), Боронбай Бирназаров (туурасы Меңмуратов), Токсаба Алжамбаев (салмаке), Карач Рахматов (желдең), Дуулат Чоңмедетов (курманкожо), Эралы Качекин (кулжыгач), Байтору Жаманаков (ыман), Осмон Тайлаков (чоро), Алыбек Кетирекеев (алагөз), жана Ишенбек Баймонкин сыяктуу солто, бугу, саяк урууларынын бийлери дагы манап катарында берилген[81].

Көрүнүп тургандай манап титул катары, уруу башкаруучусунун бий даражасына кошумча берилген. Бул бир жагынан, манапчылык коомдук-саясий чөйрөдөн акырындык менен бий институтун сүрүп чыгара тургандыгын айкындаса, экинчиден ал түндүк кыргыз урууларынын бийлик системасында өз алдынча башкаруучу элиталардын чөйрөсүнө гана таандык титул же даража катары кабыл алына баштаганын көрөбүз. Бирок ошондой болсо да, башка уруунун көрүнүктүү манаптары мисалы Боронбай аларда манапчылык түздөн-түз маанисинде болбогондугун мойнуна алган[82].

1917-ж. чейинки жана андан кийинки авторлордун жазганы боюнча, манапчылыктын социалдык табиятында, чексиз деспоттук бийлик жүргүзүү жана кол алдындагы калкты аёсуз эзүү мүнөздүү экендигин жазышкан[83]. «Манаптар, – деп жазат Ч. Валиханов, – ордонун байыркы башчыларынын түздөн-түз тукуму катары адегенде үй-бүлөнүн атасы катары патриархалдык укугуна ээ болуп, бирок акырындап мезгилдин өтүшү менен бул бийлик жогорулап, соңунда өзүнүн кол алдындагыларга жана кулдарга карата зулумдук мамилеге өткөн.

Азыркы учурда алардын бийлиги урууда чектелбеген: ал кара калктын толук кожоюну, аларды сатып же өлтүрүп коюшка мүмкүндүгү жетет».

Мында саякатчынын айрым ашыра сүрөттөлөрүн эске албаганда манаптардын колуна мындай чексиз бийликтин топтолушу бийлер институтунун алкагынан алардын өз алдынча башкаруучу саясий катмар катары бөлүнүп чыгышын ыкчамдаткан. Авторлор белгилегендей, бийликти колго алган айрым манаптар башкаруу ишинде деспоттук көрүнүштөргө жол бериши адатка айланган. Бирок ошол мезгилдеги автор И.А. Бардашев белгилегендей, «…маркум Ормондой таасирдүү манап, мүнөзүнүн түнттүгү жана кол жеткистиги менен элде чоң урматтого арзып, ордодогулардын арасында жогору бааланган. Манаптын катуулугу жана каардуулугу, элде айкөл жана асылзат катары кабыл алынып, биринчи бакубат берүүчү уруу башчысынын нарктуулугун билдирет», – деп жазган[84].

Манапчылыктын өнүккөн мезгили XIX к. 40-ж. кийинки мезгилге туура келген. Түндүк Кыргызстанда манап Ормон Ниязбек уулунун хандык бийлик түзүүгө жасаган аракети буга олуттуу таасир тийгизген. Ормон хандын мезгилиндеги кыргыз төбөлдөрү тууралуу жогоруда келтирген документте манап даражасындагы саналуу инсандардан тышкары уруктук топтордун башкаруучуларын бүтүндөй бий деп гана аталган. Демек, Ормон хандын саясий жогорулоо мезгилинен тартып, мамлекеттик түзүлүштөгү бийлик жана башкаруу негизин бекемдөөдө, структурага кирген башка урууларга да манапчылыктын таралышынын олуттуу саясий мааниси бар болучу. Анткени ал хандык башкарууга негизделген көчмөн мамлекеттик бирикменин андан ары өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этмек.

«Бардык манаптардын башында өтө чектелген укук менен кыргыздын ханы Ормон турган, – деп жазат, А. Талызин. Кокон хандыгы, манаптар аркылуу гана башкара алган… ошондуктан хандыктын мезгилинде, манапчылык өтө күчтүү болгон… Алардын ичинен кара кыргыздардын мурдагы ханы Ормон бардыгынан жогору турганы талашсыз», – деп белгилейт[85].

Манапчылыктын коомдук чөйрөгө кеңири жайылышы, өзүнүн карамагына негизинен башкаруу жана бийлик функцияларын топтогондугу менен мүнөздөлгөн. Соттук функция дагы манаптардын колуна жарым-жартылай өтүп, бирок коомдук статусун али сактап турган бийлер институту тарабынан адат боюнча жүзөгө ашырылган. Мына ушул жагдайларды туура баамдаган Ормон манап хандыктын укуктук-идеологиялык негизин түзүүнү максат кылган. Намангандан билимдүү кишини алдырып «Жооп-нааманы» жаздырган. Кол жазманын башында дин тууралуу, көбүнчө өлгөндө суракчы келгенде, аларга жооп берүүнү жазган. Анын пайдалуусу – Тагай тукуму, көбүнчө Манап насилин, ата-бабаларын, солто, бугу, саяк, сарбагыш, азык черик, коңурат, моңолдор кандайча таралганын көрсөткөн. Жазылыгы бир карыш, узундугу үч кулачтан артык бири-бирине желимдеп улаштырган сары кагазда эле, – деп жазат Б.Солтоноев[86].

Ормон хандын мындай кадамга барышына манапчылыктын коомдогу ролунун жогорулашы жана хандык бийликтин идеологиялык негиздерин түптөөгө жасаган аракеттер себеп болгон. Мурда алардын тектүүлүгүн аныктап келген генеалогиясы жана уруулардын таралышынын санжыра-тарыхы, ошондой эле дин тууралуу түшүнүктөр менен элдик адат-нарктардын атайын кат жүзүндө дайындалышы, манапчылыктын жана хандык бийликтин идеологиясын бекемдөөнүн маанилүү кадамдарынан болгон. Түпкү текти дин ишмерлери менен байланыштыруу ислам динин таасири менен кеч орто кылымдарда эле кыргыздардын башкаруучу чөйрөсүндө кабыл алынып өздөштүрүлө баштаган. Анткени XVI к. таандык ферганалык молдо Сейф ад-дин Аксыкентдин

«Маджму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») чыгармасындагы кыргыздардын генеалогиясын баяндаган маалыматтарда, алардын түпкү атасы катары X к. Жакынкы Чыгыштагы суфизимдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Шейх-Мансурдун (Аналхактын) ысымы эскерилген[87]. XVI к. экинчи жарымынан кеч эмес мезгилден тартып суфий агымынын өкүлдөрүнүн жигердүү аракеттеринин натыйжасында Аналхактын ысымы кыргыз генеалогиясына кирип, санжыранын дээрлик оозеки үлгүлөрүндө түпкү ата катарында канондоштурулган деңгээлде кабыл алынган. Бул кыргыздын башкаруучу чөйрөсүнүн ислам динин жакындан тааный башташы менен бийлик элитасы өзүлөрүнүн тегин дин ишмерлерине байланыштырган санжыранын кол жазма үлгүлөрүн түзүүгө алып келген. Анткени Ормон хан жаздырган «Жооп-наамадан» кийин да манаптардын чөйрөсүнөн ушул салтты уланткандар чыккан. Ал XIX к. экинчи жарымында таандык Байгазы баатырдын кол жазмасы болуп саналат. Анда Байгазы манаптын түпкү аталарынын санжырасы Аналхакка чейин жеткирилип анын негизги бөлүгүндө Курани Каримдеги аят аль-Курси менен касыйда жана хадистер жазылган[88]. Демек «Маджму ат-таварихтен» башталган бул салт кыргыздардагы бий жана кийин манапчылык институтунун идеологиялык негиздерин бекемдөөгө жана көчмөн калктын арасында исламды кеңири жайылтуу маселесине байланышкан[89].

Манапчылык кыргыздардын хандык түзүлүшүндөгү негизги башкаруучу бийлик органы катары узак мезгилге чейин калк арасында өзүнүн таасирин бекем сактаганга мүмкүнчүлүк түзгөн. Анткени Түндүк Кыргызстандын Россиянын карамагына өтүп, волосттук башкаруу киргизилгенден кийин деле, манаптардын таасири күчтүү бойдон кала берген. Бул тууралуу 1896-ж. А.Талызин мындай деп жазат:«…Манапчылык уруулук негизде болгондуктан эл өзүнүн көкүрөгүнө сиңип калган манаптардын өктөмдүгү жана күчтүүлүгү жөнүндөгү аң-сезимге дагы эле байланууда, манаптар мүмкүн болгон чаралар менен кыргыздын арасында биринчилик абалын сактап калууга аракеттенүүдө, ушуга жараша манаптардын кадыр-баркы өзүлөрүнүн букараларынын алдында чынында жогору жана аны менен кадам сайын эсептешүүгө туура келет»[90].

Түндүк кыргыз урууларынын башын бириктирип турган Ормон хандын бийлиги өткөндөн кийин, Үмөталы баштаган айрым топтордун орустардын карамагына өтүүдөн баш тартышы, сарыбагыш уруусундагы бийлик алар менен алдыртан мамиле түзүп келген Жантай манапка оой тургандыгы айкын боло баштаган. Колониялык саясатын ишке ашырууга белсенип киришкен орус бийликтери дагы Жантайды сарыбагыш уруусунун башчысы катары тааный тургандыгын билдирген каттарын жөнөтүшкөн[91]. Түндүк кыргыз урууларынын Россиянын карамагына өткөндөн кийинки түзүлгөн тарыхый кырдаалда манапчылыктын эң акыркы өкүлдөрүнүн бири Шабдан баатырдын тарыхый аренага чыгышы аталган социалдык катмардын кыргыз коомундагы таасирдүү ролунун сакталып тургандыгын ырастаган.

Шабдан колониялык бийликтин алдында эч бир кызмат ордун ээлебеген. «Шабдандын тектүүлүгүнүн олуттуу мааниси болсо дагы, кыргыздардын арасында биринчиликти ал өзүнүн акылы жана ийкемдүүлүгү менен алды. Бул чөлкөмдүн Россиянын карамагына өтүү мезгилинде манаптык ээлигинин акыр түбү жок боло тургандыгын эрте түшүнгөн Шабдан, жаңы кырдаалга жараша башкалардан мурда жан-дили менен орустарга кызматын сунуш кылып, жардамын тийгизди», – деп жазат, А. Талызин[92]. Шабдандын эл арасындагы кадырбаркын билген расмий бийлик өкүлүнүн көз карашында, кандайдыр бир атаандаштык сезим катылып жаткан. Анткени, Шабдан баатырдын мындай жолго барышы өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгынан келип чыкпастан, мезгилдин ыргагына жараша элдин жүгүн мойнуна алып, алда канча күч-кубаттуу мамлекеттин алдында алакандай журттун атынан ийкемдүү саясат жүргүзгөндүгү менен түшүндүрүлгөн. Колониялык бийлик тамырын жайган мезгилде мурда саясий маселелерге аралашып жүргөн Шабдан баатыр, эми жергиликтүү калктын турмуштук жана чарбалык көйгөйлөрүн чечүү менен алектенип калган. Бул тууралуу ошол эле автор мындай деп жазган: «Шабдандын жашоо образы жана ишмердиги жөнүндө төмөнкүлөрдү билдиргим келет. Ал уезддин башчысынын жардамчысына окшогон ролду ойнойт. Даттануулар менен келгендердин маселесин териштиргенде, жогорку өкмөттүн алдында калканыч болуп берүүсүн өтүнүшөт жана насыялык бүтүмдөрдү түзүүдө бардык кыргыздын атынан түйшүк тартып, ортомчу болууну сурангандардын өтүнүчүн канааттандырат». Автор андан ары сөзүн мындай деп улантат. «Шабдан Жантаевдин эл арасындагы таасирдүүлүгүнүн келип чыгышын жана маанисин иликтеп, түздөнтүз зыянын көрбөсөк туйбасак дагы админстрациялык башкаруу ишинде анын эч кандай пайдасы жана зарылчылыгы жок деген тыянакка келдик»[93].

Бул жеке эле уезд башчысынын эле оюу болбостон, ошол мезгилдеги расмий бийликтин да көз карашын чагылдырган. А. Талызиндин рапортунда кеңири талданган бул маселе[94] колониялык бийликтин алдында манаптардын коомдогу таасирин жок кылуу саясаты күч алгандыгын түшүндүргөн. Бирок, бул мезгилде манапчылык салттуу бийлик даражасы катары тамырын жайып, кыргыз коомунун кеңири катмарына тарап калган. XIX к. экинчи жарымында манапчылык Тагай бутагынан тышкары, сол канат уруулары жайгашкан Талас кыргыздарына өтүп, жергиликтүү башкаруучулар да өзүлөрүн манап атай башташкан. Манапчылык эми түпкү маанисинен алыстап «журттан озуп» чыккандарга жана «эл башындагыларга» карата айтыла баштаган[95]. Натыйжада, мезгил өткөн сайын манапчылык жаңы социалдык абалга ыңгайлашып, айрым учурда коргонуучулук түскө ээ болуу менен түпкү касиетинен айрылып, өзүнөн-өзү жоюлуу же жөнөкөйлүккө айлануу кадамына бараткан[96]. Ошентип, Шабдан баатыр чыныгы манаптык сөөлөттү башынан кечирген акыркы инсандардын бири болгон. Манапчылык мени менен жок болот деп өзү айткандай, кыргыз коомундагы салттуу башкаруу жана бийлик структурасынын акыркы тиреги манапчылыкты саясий чөйрөдөн сүрүп чыгарууну колониялык бийликтер активдүү жүзөгө ашырса, соңку тарыхта алардын укум-тукумдары коомдогу жат элемент катары куугунтукталган.

Патриархалдык-көчмөн коомдун табиятынан келип чыккан кыргыз элинин социалдык мамилелери, эрежеге айланган адаттын негизинде мамлекеттик бирикменин ичинде ишке ашырылган. Адат жана каада-салт калктын социалдык катмарларынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салууда коомдо башкы ролду ойногон. Жамаатка жана коллективге биригүү чечүүчү мааниге ээ болгон кыргыз калкынын көчмөн жашоо-турмушунда, социалдык мамилелер коомдогу ар кыл катмарлардын жана уруулук баскычтардын арасындагы иерархиялык жана субординациялык нормалар менен аныкталып келген. Анда мамлекетке таандык мыйзамдын элементтери камтылган.

Адатта кыргыз коому бир нече социалдык баскычтардан турган. Уруулук-патриархалдык коомдогу эң төмөнкү баскыч бир атанын балдары деп аталган. Ал мамлекеттик бирикменин саясий структурасынын төмөнкү ячейкасын түзгөн. Бир атанын балдары өзүнүн айланасына кандаш туугандык жакындыктары жана чарбалыкмаданий жалпылыктары боюнча патриархалдык үй бүлөлөрдү баш коштурган. Алар катаал көчмөн жашоо турмуштун шартында биргелешип оокат өткөрүшкөн жана белгилүү бир журттуу ээлеп жатышкан. Ар кандай чарбалык жана маданий ырым-жырым маселелерди чечүүдө адат-салтты бекем карманышкан. Алардын арасындагы аксакал киши бир атанын балдарынын чөйрөсүндөгү ар кыл маселелерди чечүүдө тийиштүү даражада башчылык кылган. Маселен, белгилүү бир жайыт жерде көчүпконуу, конуш чалып жайгашуу, башкалар менен болгон өз ара мамилелерди чечүү сыяктуу чарбалык маселелер менен бирге бир атанын балдарынын чөйрөсүндөгү үйлөнүп-жайлануу, кыз берүү, сүнөт кылып бата берүү, аш жана той-топур өткөрүү шаан-шөкөттөрү менен өлүмжитимге байланышкан ырым-жырымдарды кылууда ага кеңешип акыл салууга милдеттүү болушкан. Бир атанын балдарынын аксакалынын даражасы салтка ылайык жогору тургандыктан дайыма той-топурдагы сыйлуу устуканды койдун жамбашын тартышкан. Эгер ал улгайып мындай иш чараларга катышууга мүмкүнчүлүгү келбей калса сыйлуу устуканды сөзсүз бердирип жиберишкен.

Көчмөн коомдун иерархиялык түзүлүшүндөгү кийинки баскыч урук деп аталган. Анын айланасына тектеш жана жакын туугандык мамилелер боюнча патриархалдык-үй бүлөлөлүк топтор биригишкен. Алар өзүлөрүнүн жакындыгын бир мезгилдерде жашап өткөн ата бабаларынын генеалогиялык санжыраларын сүрүштүрүп билүү аркылуу аныктай алышкан. Генеалогия алардын туугандык мамилелерин гана аныктабастан, коомдо идеологиялык милдетти аткарган. Андыктан уруктун алкагында генеалогия туруктуу мааниге ээ болуп «берки ата», «аркы ата» жана «түп ата» деген түшүнүктөр калыптанган. Ушул генеалогиялык аталардын негизинде гана, ата бабалардын санжырасын так элестетүү аркылуу уруктун мүчөлөрү түпкү тектин бир экендигин билишкен.

Коомдо калыптанган мындай генеалогиялык түшүнүктөр менен бирге уруктун чөйрөсүндө барыдан да жети атасын билүү маанилүү ролду ойногон. Өзүн ошол уруктун мүчөсүмүн деп санаган ар бир адам, жети атасын билүүгө тийиш болгон. Жети атасын билүү менен адам көчмөн коомдо өзүнүн социалдык ордун аныктай алган. Болбосо, ар кандай тарыхый жагдайлардан улам башка чөйрөгө туш болуп түпкү теги унутта калгандарды коомдо жетесиз деп кул катарында мамиле кылганга чейин барышкан.

Уруктун чарбалык-маданий ишмердиги мурда ата бабаларынан бери жайлап жана конуштап келген белгилүү бир аймакта өткөн. Уруктун башындагы бийликте адат боюнча шайланган же аны мурастап калган бий турган. Бий бир эле мезгилде уруктун ички саясий-укуктук жана чарбалык-маданий маселелерин чечкен. Урукка караштуу айылдар туугандык-генеалогиялык жакындыктары боюнча белгилүү бир аймактын конуш-журттарын жана жайыттарын ээлеп, бийге баш ийишкен. Урук өзүнүн мал-жанын башкалардыкынан айрып биле турган белгиси эн салышкан. Эн белги уруктун атрибуту катары, көчмөндөрдүн экономикалык турмушунун негизи болгон коллективдүү чарба жүргүзүүдөгү малга болгон менчиктин белгисин аныктаган.

Ал эми маданий жагынан алганда никелик мамилелерде уруктун ар бир мүчөсү кыйшаюусуз аткарууга тийиш болгон нормалар менен бекемделген. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек расим болгон», – деп айтылат элде. Бул чынында уруктун ичинде жети ата өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салуу менен кийинки муундардын жана укум-тукумдун генетикалык тазалыгын сактап калууга багытталган элдик туруктуу салттын калыптанышына алып келген.

Төмөнкү иерархиялык баскычтарга караганда уруу универсалдуу көрүнүшкө ээ болгон. Уруу ички курамы боюнча түздөн-түз туугандык жакындык байланыштарга гана көз каранды болуп калган эмес. Анткени, анын курамына тектеш туугандык жакындыктары менен бирге эле, теги боюнча ар кандай тайпалардан келип чыккан уруктар да кирген. Андыктан мында белгилүү бир уруунун генеалогиясы шарттуу түрдө башка топторду да бириктирип баш коштурган идеологияга айланган. Салт боюнча сырттан кошулган киринди урууларды «тондуу уул» деп аташкан. Мындай статус аларды коомдон бөтөнсүтпөй өз балага тең кылып, уруунун айланасында идеологиялык негизде баш коштуруп бириктирүүгө мүмкүнчүлүгүн түзгөн. Адат боюнча алар коомдун толук кандуу мүчөсү катары саналган жана укуктук талаптары башкалардан кем болгон эмес.

Уруунун өзүнө таандык белгилери жана атрибуттары катары эн-тамгасы, туусу жана урааны болгон. Албетте алардын катарында тамга чоң мааниге ээ болгон. Ал уруунун чарбалык гана эмес, саясий ордун да аныктаган. Тамганын малга салынышы анын кайсы бир урууга таандык экендигин айкындаган. Андан сырткары тамганы өзүлөрүнүн туруктуу жайлаган конуш жерлеринин белгиси катары ташка чегишкен. Бул уруунун дайыма белгилүү бир аймакта көчүп-конуп жүргөндүгүн жана ал жер ошол урууга гана таандык экендигин далилдеген. Кыргыз бийлеринин жана манаптарынын коңшу ээликтер менен кат алышууларында өзүлөрүнүн тамгасын коюшкан. Бул анын саясий атрибут катары юридикалык күчү бар экендигин ырастаган.

Кыргыздардын патриархалдык көчмөн турмушунда социалдык топтордун жана катмарлардын дагы өзүлөрүнө таандык оорду болгон. Белек Солтоноев, «Кыргызда баатыр алтоо бай төртөө, кедей сегиз, бий жалгыз, кул тогуз»,[97] – деген, макалды келтирет. Бул макал сөз кылып жаткан доорлордогу калктын социалдык катмарларын толук көз алдыга келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген. Анткени макалда кыргыз коомунун ал мезгилдеги реалдуу чындыгы орун алган.

«Кан болсун, манап болсун, баатыр болсун эл сурагы бийде болгон» – деп, жазат Белек Солтоноев. Кыргыз коомунда бий жогорку бийликти кармап турган. XVIII к. ар бир канат, өзүлөрүнүн арасынан бирөөнү чоң бийге шайлашкан. Чоң бий иш жүзүндө уруулук бирикмелердеги саясий жетекчилик маселелерди колго алып башкаруу иштерин жүзөгө ашырган. Ага иерархиялык негизде уруулардын бийлери баш ийген жана кайсы бир деңгээлде көз каранды да болгон. Бий уруулар арасындагы чыр чатак маселелерди, ички жарандык иштерге тиешеси бар кылмыш жана укук маселелерин чечкен. Алсак жылкы тийип барымтага алган жана эр өлтүргөндөн баштап үй бүлөлүк иштерге чейинки адат укугуна байланышкан маселелерге бий кийлигишип бүтүм кылган. Эрежеге ылайык бүтүм чыгарганда тогуздап малдан айып салынган. Тогуздун бирин бий алган. Аталган мезгилдердеги кытай даректеринде чоң бийдин коомдогу орду, шайлануучу хандык бийликке тете болгон.

Кыргыз тарыхында чоң бийлердин катарында Тагай бий, Манап бий, Көкүм бий, кан Кудаян, Маматкул бий, Кошой бий, Ажы бий, Каработо бий жана башкалар эскерилет. Бий институтунун ылдыйкы катмарында тургандар булар урууларды башкарган улук бий жана акалакчын бийлер болушкан. Акалакчын калмактардан кабыл алынган термин болсо керек. Анткени кытай маалыматтары жуңгар калмактардын арасында башкаруучулардын акалакчын термин менен аталгандыгын эскерет. Уруктардын башында тургандар да бий аталган.

Кыргыз эли жоокерчилик жана көчмөн турмушта жашагандыктан коомдо баатырдын орду чоң болгон. Элде баатырды: адам шери, көкжал, илекор баатыр, жеке баатыр, ээрчиме баатыр, айласыз баатыр, – деп алты даражага бөлгөн. Бул адамдын жоону чаап жана элинжерин коргогон эрдик сапаттарына жараша айтылган мүнөз. Көчмөн заманда дайыма сырттан болуп турган коркунучтан улам адам ресурсу чечүүчү роль ойногон. Ошого караганда башка элдер менен жоолашып аскердик-согуштук тажрыйбадан алган байкоолорунан улам кыргызда баатырды алты даражага ажыратып карагандыгы бекеринен эмес. Бирок коомдо баатырлардын баары эле социалдык артыкчылык абалды ээлебеген. Алардын айрымдары жогоруда белгилегендей жеке баатырлыгы, айлакерлиги менен элдин кадыр-баркына татыган жана бийлердин таянычы болгон. Мындан сырткары баатыр термини этикет катары калк арасынан чыккан кадырбарктуу адамдарга, көбүн эсе бийлерге карата айтылган. Маселен, Эсенгул баатыр, Атаке баатыр, Ормон баатыр деп. Анткени, кыргызда эл башкарып бийликте тургандарга мамиле кылганда ысымын же бийлик даражасын айтып кайрылган эмес. Сый-урмат мамиле көргөзүү иретинде гана баатыр деп кайрылышкан.

Социалдык катмардын кийинки тепкичин бай ээлеген. Бай дагы өзүнүн социалдык-экономикалык абалы жана элге жасаган мамилесине жараша бир нече топко бөлүнгөн. Анткени байдын кылган оокатына, топтогон байлыгына жараша эл баа берген. Ошон үчүн Белек Солтоноев чоң бай (март бай), сараң бай, сасык бай, жеке мерез бай, – деп байлардын калк арасында айтыла жүргөн категорияларын көргөзүп мүнөздөмө берген. Элде ордолуу же болбосо уюткулуу бай деген да түшүнүк болгон. Андыктан үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой кармап чарбалык-экономикалык жактан оокаттуу турган кыргыз коомундагы катмар бай аталган. Байлар белгиленген категорияларга ылайык тууган-уруктарынын арасындагы жакыр жана кедей жашагандарга жардам ирээтинде саан берип же кошо көчүрүп жанында алып жүргөн же тескерисинче аларды малай жумшап социалдык жактан басмырлаган. Ушуга ылайык элде байдын пейилине жараша деген сөз калган.

Көчмөн коомдогу калктын кеңири катмарын кедейкембагалдар түзгөн. Анткени дайыма кыймылдуу көчмөн турмушта жана жаратылыш кырсыктарына көз каранды болгон мал чарбачылыкта байлык топтоштун өзү абдан кыйынчылыкка турган. Мында коллективдүү чарба жүргүзүү аркылуу гана малдын башын көбөйтүп сактап калууга мүмкүн болгон. Жарым-жалгыз үй бүлөө элден бөлүнүп чыгып өз алдынча чарба алып кете алган эмес. Малды карап, багып жана сакташ үчүн коллектив керек болгон. Ошон үчүн кедей чарбалар дайыма байларды жандап көчүп алардын малын кайтарып, оокатын кылган.

Жалпы жонунан кедей деп аталган кыргыз коомундагы социалдык катмар да оокат абалына жараша майда топторго бөлүнүп кеткен. Белек Солтоноевдин келтирген маалыматы боюнча аларга ороочу, томояк, отунчу, малчы, жалчы, жылкычы, коңшу-колоңчу, жакыр, аштыкчы, койчу кирген. Мында кедейлердин аткарган кызматына карата айтылганы менен жылкычыны эске албаганда, алардын коомдогу социалдык абалы дээрлик бирдей болгон. Жылкычы адатта байдын оту менен кирип күлү менен чыкпастан, аны менен сый мамиледе болуп жайыкышы жылкыны ууру-бөрүгө алдырбай көз салып сыртта жүргөн. Анын жасаган иши кылган кызматы байдын үйүндө жүргөн кедейлердикинен алда канча оор болгон. Бай жылкычыга башкаларга караганда көп ишеним арткан. Ошондуктан элде «Жылкычынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт», – деген макал калган.

Кыргыз коомундагы социалдык катмардын эң төмөнкүсү кул жана күң болгон. Кул менен күңдүн аталышы көбүнчө алардын социалдык абалына байланышкан. Анткени, алардын келип чыгыш теги, коомдун башка мүчөлөрүнүн социалдык абалын аныктаган генеалогиялык нормаларга туура келбеген, же болбосо, адат боюнча социалдык абалы коомдун толук кандуу мүчөлүгүнө ылайык эмес деп табылган. Ушул эрежеге ылайык Белек Солтоноев аталган социалдык катмарга төмөндөгүлөрдү киргизген: «боору такыр кул», – бул ата бабасынан бери кул-күң болуп келген; «үйдө туума кул» же болбосо «тондуу кул»,– байдын оокатын кылып, суусун ташып, отун жагып, короосун кайтарып жүрүп тууган күңдүн балдары; «төшкө жатар кул», – эрсиз ойноштон төрөлгөн күңдүн баласы; «жумшатылып келген кул», – кыз бергенде жумшатып берген кул; калыңга келген кул-күң; «олжо кул», – бул жоодон түшкөн кул; «түпсүз кул», – урук, эл журтун билбеген дарексиз келип туруп калган кул; «кесик кулак кул», – буга сатып алган кул кирген.

Сыртынан караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен кыргыз коомунун ички түзүлүшү жогорудагы маалыматтар көргөзгөндөй кыйла эле татаал болгон. Бирок, мындай түзүлүш башка классикалык коомдордогудай же болбосо, чыгыштын деспоттук түзүлүштөрүндөгүдөй бири-бирин басып, үстөмдүк кылып турган катаал касталык-иерархиялык тепкичтерден турган эмес. Патриархалдык-көчмөн коомдогу калктын жалпы социалдык-экономикалык абалы, көбүн эсе көчмөндөрдүн карапайым турмушу, баарына бирдей теңчилик кылган адат-нормалары социалдык катмарлардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салып, бири-бирине анчалык каршы койгон эмес. Тескерисинче мезгил өткөн сайын социалдык айрымачылыктарга караганда, уруунун ичиндеги адам ресурстарын көбөйтүүгө болгон муктаждык айрым катмарлардын жоюлуп же жуурлушуп кетишине шарт түзгөн. Чынында мындай түзүлүш биздин ата бабаларыбыз башынан кечирген көчмөн цивилизациянын жетишкендиги болгон.

[1] Караңыз.: Толстов С.П. Пережитки тотемизма и дуальной организации у туркмен // Проблемы истории докапиталистического общества. – М., 1935. – № 9–10; Жданко Т.А. Очерки исторической этнографии карапалпаков в XIX – начале XX вв. // Труды Ин-та этнографии им. Н.Н.Миклухо-Маклая. – М., 1960. – Т.IX; Карпов Г.И. Туркмены – огузы (Материалы к этногенезу туркменского народа) // Известия Турк. филиала АН СССР. – Ашхабад, 1945 и др.

[2] Караңыз.: Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. – Л., 1971. – С. 200; его же. Формы родоплеменной организации у кочевников Средней Азии // Труды Института им. Н.Н.Миклухо-Маклая. Новая серия. – Т.XIV. – Этнографические материалы и исследования.  – М., 1951.

[3] Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. –Бишкек, 2010. –С. 118-124.

[4] Кушкумбаев А.К. Крыльевая система улуса Джучи //  Материалы Международной научной конференции «Политическая и социальноэкономическая история Золотой Орды XIII-XV вв.»  Казань: Изд-во «Фэн», 2009. – С. 80-104.

[5] Султанов Т.И. Политическая и социальная структура племенных обществ в Средней Азии в XV–XVIII вв.//Актуальные вопросы истории кыргызского народа: прошлое, настоящее и будущее. Сборник статей в честь 70 летия кыргызского ученого-востоковеда, профессора Мокеева А.М. –Бишкек, 2019. –С.

[6] Жданко Т.А. Очерки исторической этнографии каракалпаков. Родоплеменная структура и расселение в XIX- нач. XX вв. // Тр. Ин-та этнографии им.Н.Н.Миклухо-Маклая, 1950. – Т.9. –С.77-91.

[7] Жумабаев С. Кыргыз санжырасы. КР УИАнын кжф, -№564; Молдо Мухаммед Али Кыпчаки. Кыргыз тарыхы, кыргыздардын урууга бөлүнүшү. КР УИАнын кжф,  -№47; Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө.

КР УИАнын кжф, -№91. ж.б.

[8] Материалы по истории киргизов и Киргизии //КР УИАнын кжф.

-№629(5176). –С.205.

[9] Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары /. Котор.М.Кожобеков, Т.Абдиев. –Бишкек,2002. -295-297-б.

[10] Супруненко Г.П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII –  нач. XIX вв // КР УИАнын кжф. -№5179. –С.78.

[11] Петров К.И. Очерки феодаальных отношений у киргизов в XV– XVIII веках. –Фрунзе, 1961. –С. 49.

[12] Мирза Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди / Введение, перевод с персидского А.Урунбаева, Р.П.Джалиловой и Л.М.Епифановой. –Ташкент, 1996. –С. 160-161.

[13] Мирза Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди – С. 165, 174-175, 386, 444-446, 461-463, 467, 472-473, 566.

[14] Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Л., 1971. –С. 29-30; Жумабаев С.Кыргыз санжырасы. КР УИАнын кжф. № 659.10-б; Нуров Г. Материалы по теме Происхождение киргизского народа.КР УИАнын кжф. № 1561 в.– С.3-29.

[15] Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. –Бишкек, 2010.

–С. 123-124.

[16] Сооронкулов Сыргак 64 жашта, саруу уруусунан // Талас облусунан жыйналган материалдар. 1993-жыл.

[17] Бала Айылчынын санжырасы // Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1994. – 177-б.

[18] Ситняковский Н.Ф. Перечисление некоторых родов киргиз, обитающих в восточной части Ферганской области. // Изв.Туркест. отд.

Рус. геогр. об-ва-Т.2. Вып. I. -Ташкент, 1900. – С.99-110.

[19] ТКАЭЭ. -Т.З, -М, 1959. – С. 173.

[20] ‘Корнилов. Кашгария или Восточный Туркестань. Опыть военностатистического описания. -Ташкент, 1903. –С.233-234.

[21] ‘Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө // КР УИАнын кжф. №191. -336-337-б.

[22] Жумабаев С. Кыргыз санжырасы // КР УИАнын кжф. №659.

-10-11-б.

[23] Сыдыков А. Родовое деление киргизов // Абдыкерим Сыдыков – национальный лидер. З.Курманов и др.-Бишкек. 1992. -С.86.

[24] Кыргыздардыг жана Кыргызстандын тарыхый булактары / Котор. М. Кожобеков., Т. Абдиев. –Бишкек, 2002. – 295-б.

[25] Айтбаев М.Т. Кыргыз элинин чыгышы жөнүндөгү легендалар. КР УИАнын кжф. № 4095. 47-б; Абдыш Мамбетиса уулу. Салттуу элдин санжырасы / Кыргыз айылы. № 12, 1991.– 43-б.

[26] Бала Айылчынын санжырасы. КР УИАнын кжф. -№ 239. 11-б.

[27] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. Тарыхый очерктер. –Бишкек, 1993. – 86-87-б.

[28] Бернштам А. Источники по истории киргизов в XVIII века // Вопросы истории. – № 11-12. 1946 .– С.127.

[29] Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – нач. XIX вв // КР УИАнын кжф. -№5179. –С.78.

[30] Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – нач. XIX вв // КР УИАнын кжф. -№5179. –С.78.

[31] Бернштам А. Источники по истории…, – С. 127; Супруненко Г.П.

Материалы из китайских источников…, –С. 78.

[32] Асанов Т. Санжыра Кыргыздардын орто кылымдагы этносаясий түзүлүшү жөнүндө // Изучение древнего и средневекового Кыргызстана.

Бишкек, 1998. – 46-50-б.

[33] Абрамзон С. М. Киргизы…, – С.27.

[34] Пищулина К.А. «Бахр-ал-асрар» Махмуда ибн как источник // Казахстан, Средняя и Центарльная Азия в XVI-XVIII вв. Алма-Ата, 1983. –С.54.

[35] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы…, – 101-б; Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө. КР УИАнын кжф. – № 191. – 10-12-б.

[36] Абдрахманов Ы.Кыргыздар (Кыргыздардын чыгышы урууларга бөлүнүшү). КР УИАнын кжф. № 619 – 145-б.

[37] Валиханов Ч.Ч., Валиханов Ч.Ч. Записки о киргизах // Собр. Соч.

в пяти томах. Алма-Ата, 1985. Т. 2. – С. 170.

[38] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы…, – 111-б; Абдырахманов Ы. Кыргыздар…, – 145-б.

[39] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы…, – 101-б.

[40] Моисеев В.А. Джунгарское ханство и казахи XVII- XVIII вв. Алма-Ата, 1991. – С. 27-28.

[41] Абдрахманов Ы. Кыргыздар – 135-б.

[42] Абрамзон С.М. Народные предаия как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня // Этническая история народов Азии. –М., 1972. –С. 74-77.

[43] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы…, – 150-151-б.

[44] Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников – С.82.

[45] Бернштам А. Источники по истории…, – С.128.

[46] Бернштам А. Источники по истори…, – С.127.

[47] Бернштам А. Источники по истории…, –С.128.

[48] Момункулов Деркембайдын кол жазмасы

[49] Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы жөнүндө. КР УИАнын кжф. № 364. 2-дептер, -5-б.

[50] Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников…, – С.21.

[51] Мухаммед Али Кыпчаки. Аз китаб кыргыз намэ. КР УИАнын кжф. № 139. – 37-б.

[52] Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников…, – С.9. 53 Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников…, – С.21. 54 Абдрахманов Ы. Кыргыздар…, – 18-б.

[53] Аристов Н.А. Опыт выяснения этнического состава киргизь-казаковь большой орды и каракиргизов. СПб., 1895. – С.51.

[54] Тойлубай уулу Сатыйдын айтуусундагы санжыра. Талас обл. Кара-Буура р-ну, кытай уруусунан, 1992-ж. 65 жашта / Талас областынан жыйналган материалдар. 1993-жыл.

[55] Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников…, – С. 25.

[56] Кузнецов В.С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии (вторая половина XVII- первая половина XIX в.) Новосибирск., 1983. – С.42.

[57] Байгаринов М. Кыргыз санжырасы. КР УИАнын кжф. № 564. – 121-б.

[58] Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө. КР УИАнын кжф, -№91.

– 13-б.

[59] Кузнецов В.С. Цинская империя…, – С.42.

[60] Абдрахманов Ы. Кыргыздар…, – 18-б.

[61] Бала Айылчынын санжырасы …, -№ 239. – 34-б.

[62] Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (Б. з.

ч. II к. – XVIII к. Кытай булактарынан үзүндүлөр). II т. Түз. К.Жусаев, А.Мокеев, Д.Сапаралиев. –Бишкек, 2003. -167-б.

[63] Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары, 231-б.

[64] Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары, 136137-б.

[65] Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы жөнүндө. – №

[66] . – 48-б.

[67] Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы жөнүндө…, – № 364. 62-б.

[68] Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы жөнүндө. – № 364.

[69] -дептер, – 50-61-б.

[70] Сапаралиев Д.Б. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII в. Бишкек, 1995. – С. 96.

[71] Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы жөнүндө. – № 364. 2-дептер. – 75-77-б; Алымбеков Т. Кокон хандыгына чейинки кыргыздын турмушу жөнүндө. КР УИАнын кжф,-№ 1454. 1-2-б.

[72] Деркембаев Момункулдун кол жазмасы.

[73] Кыргызстан – Россия. История взаимоотношений (XVIII–XIX вв.) Сб. док. и материалов. –Бишкек. 1998. –С. 81. 88-89.

[74] Кыргызстан – Россия. История взаимоотношений. –С. 95.

[75] Үмөт Молдонун архивинен көчүрмө //№191. –301-б.

[76] Кузеев Р. Г. Происхождение башкирского народа. М., 1974.

[77] Абрамзон С.М. Этнический состав киргизского населения Северной Киргизии // Труды кирг. археол.-этногр. эксп. 1960. Т. 4. –С. 32.

[78] Джумагулов А.О. О термине «манап» / Изв. АН Респ. Кыргызстан.

[79] . -№ 4. – С. 62.

[80] Джамгерчинов Б. Киргизы…, – С.

[81] Казакстан Респ. БМА. Ф. 374. оп. 1. Д. № 1669. в. 130-133 об.

[82] Валиханов Ч.Ч. Дневник поездки на Иссык-Куль. Собр. соч. в пяти томах. –Алма-Ата, 1984. Т. I. –С. 20, 21, 38.

[83] Валиханов Ч.Ч. Записки о киргизах. Собр. соч. в пяти томах. – Алма-Ата, 1985. Т. 2. –С. 38;Абдырахманов Ы. Кыргыздар (Кыргыздардын чыгышы урууларга бөлүнүшү) // КР УИАнын кжф № 619. 4-13-б.

[84] Сведения о Дикокаменных киргизах собраная Толмачем Бардашевым. ЦГВИА России. ф. ВУА. Оп. 1. д. № 18551. – С. 20.

[85] Шабдан Джантаев: Эпоха и личность: Документы и материалы.

–Бишкек, 1999. –С. 85-86.

[86] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы…, – 86-б.

[87] Материалы по истории киргизов и Киргизии. Вып. 1. – М., 1973.

–С. 207-210.

[88] Шажара-йи насаб наме илатийа // КР УИАнын кжф – № 174.

[89] Асанов Т.И. Суфизм и кыргызская генеалогия // Духовная культура башкир и кыргызов: сборник материалов Международной научно-практической конференции (г. Уфа, 14 октября 2020 г.) /отв. ред. С.А.Алиева. -Уфа, ИЦ “Аэрокосмос и ноосфера”, 2020. –С 37-43.

[90] Шабдан Джантаев: Эпоха и личность…, –86-б.

[91] Ошол эле, 86-б.

[92] Ошол эле, 86-б.

[93] Шабдан Джантаев: Эпоха и личность…, – 86-87 б.

[94] Шабдан Джантаев: Эпоха и личность…, –90-95-б.

[95] Гродеков Н.И. Киргизы и кара-киргизы Сыр-Дарьинской области. Юридический быт. –Ташкент, 1889. –С.6.

[96] Абрамзон С.М. У истоков манапства (экпедиционные очерки).

Сов. Киргизия. 1930 г. 10 ноябрь. № 262.

[97] Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. Тарыхый очерктер. – Бишкек,1993. -181-186-б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу