Томдук

Кыргыздар 15-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

15-ТОМ

Тарых. Илимий макалалар

Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Бул томдукта кыргыздардын байыркы мекени, «кыргыз» этноними, этноаймагы жана жер которуу маселелерине байланышкан белгилүү тарыхчылардын илимий көз караштары чагылдырылды.

 

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН ТАРЫХЫ: КЫСКАЧА БАЯН

Ю. ХУДЯКОВ

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН ТАРЫХЫ, «КЫРГЫЗ» ЭТНОНИМИ ЖӨНҮНДӨ

Түштүк Сибирдин жана Борбордук Азиянын орто кылымдардагы тарыхына, археологиясына арналган атайын адабияттар менен таанышкан учурда биринчи эле болуп Минусин ойдуңундагы талаалуу аймактарда жашап өткөн калктын аты ар башкача аталып жүргөнү көзгө урунат. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү аны жазма даректерге ылайык «кыргыздар» деп айтышса, айрым бир авторлор жалпы кабыл алынган бул пикирге каршы чыгып, анын ордуна кайдагы бир «байыркы хакастар» же «орто кылымдагы хакастар» дегенди алуу керек деп таңуулашат, анткени алардын ою боюнча, кыргыздар «байыркы хакастардын» бар болгону бир гана салаасын, атап айтканда, «династиялык аксөөктөр тукумун» түзгөн имиш. Акырында аталган ушул эки терминди түгөйлөштүрүп, бир уңгуга бириктирип «кыргыздар (хакастар)», «кыргыз-хакас» ж.б. ушул сыяктантып көрсөткөн эмгектер да бар.

Мындай ар түрдүү аныктамалардын мааниси эмнеде жана алар кайдан жүрүп пайда болгон?

Кайсы гана терминди же этнонимди албайлы, анын чын-төгүнү барып келип эле этностук ошол ысымды алып жүргөн элдин тилинде катталып, сакталып калган эн белгисине, а болбосо ал кайсы тилде айтылып, жазылып жүрсө, алардын үндөштүгүнө жана окшоштугуна карап тастыктала турганы белгилүү. «Кыргыз» этнонимине карата алганда ушул эки эреже тең эбеп боло алышат. Анткени «кыргыз», «кыргыздар», «кыргыздык» ж.б.у.с. сөздөр, биринчиден, азыркы кыргыздардын өздөрүнө, экинчиден, тили жагынан аларга жакын турган түрктөр менен уйгурларга тиешелүү делинип жүргөн руна сымал көрүстөн жазууларындагы тексттерде кездешет. Мындан тышкары «кыргыз» деген термин башка тилдерде жазылган тексттерде да ар түрдүү вариантта, мисалы, грекче-херкис, араб жана фарс тилдеринде кыркыз, хырхыр болуп жолугат. Ал эми кытай тексттериндеги анын жазылышы булардан бир кыйла айырмалуу. Анын бизге жеткен, колдо бар бардык варианттарынан негизгиси делинип төмөнкүлөр эсептелет: хань тексттери үчүн – цзянь-гунь, тан тексттери үчүн – сяцзясы, юань тексттери үчүн – цзилицзисы.

Мына ошентип «кыргыз» деген терминдин түпкү уңгусу анык экени биротоло такталып бүткөн деп эсептөөгө болот, анткени аны Европанын батышынан тартып, Азиянын чыгышына чейинки бардык өлкөлөр менен элдердин өкүлдөрү бир гана этносту атап белгилеш үчүн колдонуп келишкен, демек, бул термин ошол этностун энчилүү аты болгон, анткени ал кыргыздардын өздөрүнө таандык делинген тексттерде учурайт. Ал эми анын түпкү уңгусунун аныктыгынан күмөнсүнө турган жагдайлар жазма даректерде дегеле жок.

Андай болсо «хакастар» деген термин кайдан алынган жана эмне үчүн аны айрым авторлор, кыргыз мамлекетиндеги «көпчүлүк эмгекчил калктын энчилүү аты» катары сунуш кылышат? Жазма даректерде ал «көпчүлүк» таптакыр башка термин менен «кыштымдар» деген жалпы ат менен айтылат эмеспи?

XVIII кылымдан тартып, Европанын илимине орто кылымдардагы кытай жылнаамалары белгилүү боло баштайт жана алардын мазмуну «Ортолук Азиядагы» көчмөн элдер жөнүндөгү тарыхый чыгармалардын негизин түзгөн. Дал ушул мезгилдерде ошол көчмөндөрдүн атын белгилеген кытай терминдери илимий лексикага кеңири кире баштаган. Алардын айрымдарынан кийин деле Азия элдеринин тилинен ынанымдуу далилдер табылбагандыктан, ушул күнгө чейин баштапкы маанисинде айтылып, илимий адабияттарда кеңири колдонулуп келатат, мисалы, динлиндер юэчжи, сянь-би, жуань-жуан, теле, сейяньто, яньмо, шивей, мохэ ж. б. Алардын катарына хягасы (сяцзясы) термини да кирет. Тан сулелеси тушундагы жылнаамалар менен жазма маалыматтарда Кянь (Энесай) дарыясындагы өрөөндө жашаган калк ушундайча аталат. P.Л.Кызласовдун ашыкча оптимизмине карабастан бул терминдин колдонулушу XVIII–XX кылымдын башталышындагы авторлордо айтылышы жана жазылышы жагынан бирдей мааниде болгон эмес. Ошондуктан «хакас» деген терминдин жаралышына ошолор себепчи болгон деп, иштин баарын аларга жүктөй салуу үчүн кенедей да негиз жок. Алсак, Ю.Клапрот «На – Kia – sze», В.Шотт, «На – Ка – sze», Н.Бичурун «хагас», В.Радлов «хакасс» ж. б. деп жазган. Цзянь-гунь, хягас, цзи-лицзисы жана кыргыздар деп аталган терминдер түпкүлүгүндө бир этностун атын билдиреби же ар бири ар башка этносту түшүндүрөбү? Бул маселе В.Шоттун маалында эле, Энесай кыргыздарынын тарыхы боюнча ал атайылап биринчи жолу эмгек жазган учурда эле келип чыккан болчу, ошондо эле ал биротоло жана туура негизде «чыныгы кыргыздардын» пайдасына чечилген. Көрүнүп тургандай, хягастарды кыргыздар деп эсептеген көз караштар жазма даректердин негизинде алардын тарыхын изилдеп-иликтөө иштери жаңыдан гана колго алына баштаган кезде эле түптөлүп түзүлгөн экен.

Сибирь археологиясында бир учурлар да «хагас» термини колдонулган, аны Н.Бичурин киргизген. Бул көрүстөндөрдүн, байыркы кенттердин ордун казган учурда табылган далилдерди тарыхый маалыматтар менен салыштырып изилдөө боюнча алгачкы аракеттер жасалып жаткан маалда болгон. Бара-бара ал орус тилинде айтылышы жагынан бир кыйла жатыгыраак түргө келип, «хакасс» болуп өзгөргөн. Бул терминди «хагас» формасында, мисалы, Д.Клеменц, И.П.Кузнецов-Красноярский ж. б. пайдаланышкан. Кийин ал окумуштуулар менен публицисттердин, анын ичинде XX кылымдын биринчи он жылдыктарында «теги бөлөктөрдү» ажыратып бөлүүнү жактап күрөшкөнүн Сибирь областчыларынын арасына тараган. Айтор, «хакас» терминин «туземдик интеллигенция» өздөрүнүн «энчилүү аты» катары бир болсо дал ушул областчыл публицисттерден алышы мүмкүн эле. Натыйжада, 20-жылдары бул термин Красноярский крайынын түштүгүндө, РСФСРдин составында турган азыркы Хакас автономиялуу республикасындагы жергиликтүү калктын атын билдирген этноним катары айтыла баштаган.

Аңгыча түрк тилиндеги руна сымал жазмалардын түп нускадагы тексттери табылып, чечмеленип жана которулуп, алардын кыргыздардын өздөрүнө, ошондой эле өткөн тарыхый доорлордо алар менен такай жоолашып келген түрктөргө жана уйгурларга таандык экени талашсыз далилдер менен тастыкталып калат. Руна сымал ал жазмалар Энесайда «хакастар» жашаган имиш деген доорлордо жалгыз гана кыргыздар жайын кабар кылат. Мунун өзү, албетте, «хягас» деген терминди «кыргыз» этнониминин кытайча жазылган бир түрү деп эсептөөгө негиз берген. Бирок бул маанилүү тыянак руна сымал тексттердин В.Радлов ишке ашырган немец тилиндеги котормосундай эле академиялык илимдин гана «кампасында» калган. Андыктан, Н.Н.Козьмин ырастагандай, «хягас» деген ат минусин интеллигенциясы үчүн «белгилүү өлчөмдө түшүнүктүүдөй көрүнүшү жана улуттукмаданий жактан кайра жаралуунун, идеялык урааны болушу мүмкүн эле». Айткандай эле Сибирдин түштүгүндө улуттук-мамлекеттик курулуш иштери башталган чакта кытайча «хягас» деген сөздүн мааниси түрк тилиндеги «кыргыз» дегенге төп келерин, ошол себептүү «хакас» термини өз алдынча маанини туюнта албай тургандыгын буга чейин эле илимпоз-изилдөөчүлөр кандыра далилдеп коюшкандыгына карабастан, бул термин реалдуу жаңы мазмунга өтүп, Минусин ойдуңундагы жергиликтүү калктын энчилүү аты болуп калды. «Хакас» терминин «түшүнүктүү жана идеялык ураан» боло алат деп жактаган Н.Н.Козьмин анын маанисин «кыргыз» этнониминен ажыратып, өзүнчө бөлүп аныктоого аракет жасады да, ал түбү барып тубалыктар (уйгурлар) жана кыргыздар менен бирге орто кылымдагы Энесайдын үч тайпалуу калкынын бирин түзгөн «каракастардын» атынан келип чыгышы мүмкүн деген божомолун айтты.

Бирок анын көз карашында өтө эле көп карама-каршылыктар бар. Мисалы, өзүнүн китебине жазган кириш сөзүндө «хакас» жана «кыргыз» терминдеринин айырмасы жөнүндө айтып келип, ал бир нече барактан соң аларды кайра бир уңгуга бириктирет: «хакастар кийинчерээк кытай жылнаамаларында ки-ли-кицзе (б.а. кыргыз) деген ат менен белгилүү болушкан. Аска бетинде сакталып калган жазууларда алар өздөрүн «кыргыз» деп аташат. Хакас-кыргыз мамлекетинен башка да меркиттердин, наймандардын жана керейиттердин андан майдараак мамлекеттери болушу ыктымал».

«Хакас» термини жасалма сөз экендигине карабастан аны урук-урку жагынан ар башка этностук топтордон куралып, XIX кылымдын этегинде – XX кылымдын башталышында гана бир журт болуп биригип, улут аталган азыркы реалдуу элдин эзелтен келаткан энчилүү аты катары таңуулаган аракеттерге ошол кезде кыргыздардын тарыхы боюнча атамекендик илимдин тажрыйбасында биринчи жолу очерктердин жыйнагын түзүп, борбордук Азиянын тарых-таржымалын мыкты билген, билерман адис атагып турган В.В.Бартольд да адилеттүү түрдө каршы чыккан.

Мына ушундан кийин кыргыздардын тарыхы жана археологиясы жагында иштеген, өзгөчө Сибирдин түштүгүндө казуу иштерин жүргүзгөн адистерди өздөрү изилдеп жаткан эстеликтер түпкүлүгүндө барып хакас деп аталган азыркы жергиликтүү калктын ата-бабаларыныкы болуп калышы ажеп эмес деген ой кылчактатып, муну эске албай коюуга аларды аргасыз кылган. Аталган маселенин чечилишин татаалдантып, чаташтырган жаңы фактор мына ушинтип пайда болгон. Минусин ойдуңунда орто кылымдарда жашаган калкты жазма даректер «хакастар» деп атагандан улам эмес, тескерисинче, алардан азыркы хакастардын урук-уркун көргүсү келгенден улам ушинтип атай башташкан.

Бул өзгөчө «кыргыздар» («хакастар»), «кыргыз-хакас» ж. б. у. с. түгөйлөш аныктамалардан таасын көрүндү. Мисалы, Энесайда 20–40-жылдары изилдөө иштерин жүргүзгөн адистер ушинтип жазышкан. Атап айтканда, Минусиндеги металл доорунун маданиятын мезгилдештирип, санжаптап бөлүп чыккан С.А.Теплуховдун мындай деген ырастоосу бар: «Биздин доордун VII–X кылымдарындагы (Тан-Шу) окуялардын жөн-жайын баян кылган бир топ кийинки жылнаамаларда бул мезгилге чейин түрк тилинде сүйлөгөн кыргыздар (хягас) «Энесайдын түштүк алабындагы бүткүл аймакты каратып алып жана ал жерде үстөмдүк абалды ээлеп турган динлиндер менен аралашып кеткендигин» даана көрсөткөн кабарлар бар».

Л.А.Евтюхова менен С.В.Киселев да өздөрүнүн эмгектеринин биринде «хакас» деген сөз кыргыз деген терминдин кытайча жазылышы» деп айтышат да, бирок көп учурда өйдөкүдөй түгөйлүү аныктаманы пайдаланышат. Ал эми В.П.Левашованын эмгектеринде болсо «кыргызхакас», а кээде жөн гана «хакастар» деп алышат.

Бул жерде мына муну белгилеп көрсөтүү керек: эмгектерин борбордук басмалардан жарыкка чыгарышкан авторлордун баарында Минусиндеги байыркы калктын аты-жөнү катары «кыргыз» деген термин алынса, ал эми Абаканда басылып, «хакас» окурмандарына багышталган популярдуу майда китепчелерде «хакас» термини колдонулат. Мында кандайдыр бир өзгөчөлүү «позиция» деле жаткан жок, болгону ал жергиликтүү шарттын бөтөнчөлүктөрүн эске алгандыкты гана билдирет, башкача айтканда, Тянь-Шанда иштеп, Түштүк Сибирдин маселелерине кайрылган кезде А.Н.Бернштам бардык жерде жалаң гана «кыргыз» же «кыркыз» деп жазгандай эле кеп.

Бир-бирине эбак көнүмүш эквивалент болуп калган «кыргыз» жана «хакас» терминдеринин ажытын тактоого байланышкан маселеге кайрылып, 1950-жылдардын башында түрколог С.Е.Малов менен синолог Н.В.Кюнер бир катар ой-пикирлерди айтып чыгышты.

С.Е.Маловдун көз карашы боюнча кыргыздар уйгурлар менен теңтайлашкан күчтүү Энесай мамлекетин түзгөн. Тофалар (карагастар) менен тувалыктар (урянхайлар, сойондор) кыргыздар тарапта турган деп ойлоого болот». Бирок «хакас» термининин мааниси С.Е.Маловго түшүнүксүз бойдон калган: «ал «кыргыз» деген сөздүн кытайча жасалган түрүбү же мен божомол кылгандай көбүнчө «карагас» дегенге жакындашабы? Анткени хакас – карагас деп кытайлар ар кошкон элди кол алдында кармап турган кыргыз мамлекетин айтышы толук ыктымал эмеспи».

Н.В.Кюнер болсо кытайлар «хягас» сөзүн уйгур тилинен алгандыгын кабар кылган кытай жылнаамаларындагы даректерге таянып, бирок анын кытайча жазылган түрү боло албайт, уйгур тилинен алынгандыгына караганда анын ылакап ысымы сыяктанган өзгөчө мааниси бар болсо керек деп божомолдойт. Мына ушул жүйөгө негизденип ал: «Азырынча хягас деген сөздүн чыныгы мааниси жана келип чыккан түпкү уңгусу жөнүндөгү маселени өз жайына калтыра туруп, кыргыз (гянь-гунь ж. б. у. с. анын бардык жазылыш формалары менен кошо) жана хакас (хягас) деген аталыштардын бир эле элдин аты-жөнүн билдирген окшоштугун тарыхый факты катары кабыл алууну туура» деп эсептейт.

Көрүнүп тургандай, аталган авторлор Тан доорундагы Ортоңку Энесайдын калкына карата «кыргыз» деген этнонимди колдонуунун тууралыгынан шектенген эмес. С.Е.Малов «хакас» термини кыргыздардын букаралыгында турган кыштымдардын кайсы бир жамаатынын аты-жөнүнө, анын божомолу боюнча «каргастарга» (б. а. тофаларга. – Ю.X.) барып такалышы мүмкүн деп эсептеп, бул жагынан Н.Н.Козьминдин айткандарына кошулган. Анын үстүнө муну С.Е.Малов кеңири өнүктүрүп, өзүнчө илимий жобого айлантпастан, тек гана божомол катары, Энесайдагы руна сымал жазуулардын тексттери жарыяланган китептеги кириш сөздө кеп арасына кыстарып айта кеткен. Н.В.Кюнердин эмгегинде да «хакас» термини этноним катары өз алдынча мааниге ээ дегендей дегеле эч нерсе айтылган эмес. Ал «хакас» терминин «кыргыз» этнонимине эквивалент деп эсептеген, анын пикири боюнча бул сөз уйгур тили аркылуу кытай тилине өтүп, «саргыч кызыл жүздүүлөр» деген маанидеги ылакап ысымды туюнтат.

Кийинчерээк Н.В.Кюнер өзүнүн көз карашын азыраак өзгөрткөн. Г.Е.Грумм-Гржимайло менен талашка чыгып, ал: «Хакастар менен кыргыздар XIII кылымдагы монгол доорунда бир эле элдин ар башка тайпасын билдире алмак», – деп учкай эскертип өткөн.

«Хакас» терминине байланыштуу бир катар ой-пикирлер Л.П.Потаповдо да бар. Аталган терминдин XX кылымдын башталышында этноним катары пайда болушу жөнүндө айтып, ал мындай деп жазган: «Кечиндердин күчтүү таасири астында болуп өткөн биримдешүүнүн жалпы процесси XIX кылымдын этегинде жана XX кылымдын башталышында Минусин ойдуңундагы аймакта орустар Минусин же абакан татарлары деп аталган чакан элдин түзүлүшүнө алып келди. Алар Хакас болуп Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин гана атала баштады. «Хакас» деген атты 20-жылдардын башында «минусиндик татарлар» улут болуп түзүлүп жатканда жергиликтүү интеллигенциянын өкүлдөрү сунуш кылышкан. Алар азыркы Минусин же Абакан татарлары кытай жылнаамаларында «хягас» деген ат менен катталып калган Саян-Алтай бөксө тоосундагы байыркы калктын тукумдары болот деген туура эмес түшүнүккө таянышкан. «Хакас» деген ат тарыхый жактан аныкталган жана сыпатталган наам боло албай тургандыгына карабастан, азыр ага каршы чыгуунун кажаты жок, анткени ал акырындап отуруп калктын аң-сезимине сиңип, кабыл алынып кетти».

Кийинчерээк Н.В.Кюнердин сын-кеңештерин эске алып, анын таасири менен Л.П.Потапов «азыркы учурда «хягас» менен «кыргыз» сөздөрүн бир уңгуга жалгаштыруу мүмкүн эместигин, этностук жактан алар татаал кошунду экендигин, «хагастын» составында самодий элементи артыкчылык кыларын көрсөткөн маалыматтар улам барган сайын көп топтолуп жатат» дегендей ойго көбүрөөк ык коё баштаган. Аталган маселени териштирип чыгуу үчүн автор В.И.Казандын котормосундагы «Юаньшинин» кабарларын далилге тартып, анда кыргыздар «Хасха жеринде» жайгашкан деп айтылган маалыматты эскертет. Анын пикири боюнча, «хасха жери» самодийкачиндер мекендеп турган азыркы Красноярскинин чөлкөмүнө туура келет.

50-жылдары бир катар изилдөөчүлөрдүн «хягас» жана «кыргыз» деген терминдердин окшоштугунан күмөн санап, олку-солку болушуна Юань доорундагы кытай тексттеринин айрым үзүндүлөрүн, атап айтканда, «хэ-сыхэ» жана «ханас» терминдерин чечмелеп түшүндүрүүдөгү кыйынчылыктар себепчи болгон. Акыркы эки сөздү азыркы кездеги «хакас» деген сөз менен түгөйлөштүрүүнүн натыйжасында XIII кылымдагы окуяларды так аныктап, туура баалоодо белгилүү чаташууларга жол берилип, мунун баары хягас жана кыргыз деген терминдерди бир-бирине далилсиз түрдө карама-каршы коюуга алып келген. Буга кыязы азыркы кыргыздардын этникалык текжаатына иликтөө жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасы, атап айтканда, энесайлык жана тяншандык кыргыздардын түпкү урук-урку бир деген көз караштын тууралыгынан күмөн санаткан тыянактар да таасирин тийгизди окшойт.

Баарыдан да аталган маселе боюнча өзгөчөлүү көз карашын таңуулап, анысын ар кайсы макалаларында дембе-дем кайталай берген Л.Р.Кызласовдун өжөрлүгү чоң огожо болду. Ал өзүнүн позициясын биринчи ирет 1954-жылы Л.П.Потаповдун алтайлыктардын тарыхына арналган китебине жазган рецензиясында айтып чыкты. Ага ылайык, «хакас» деген сөз орто кылым доорунда Ортоңку Энесайда жашап турган ар кошкон элдин жалпы аты болуп саналат да, ал эми «кыргыз» деген термин ошол байыркы хакастардын «башкаруучу», «династиялык ак сөөктөр жамаатын» гана билдирет.

Бул көз карашын өнүктүрүп, бекемдеш үчүн Л.Р.Кызыласов ага 1959–1960-жылдардагы эмгектеринде эчен курдай кайрылып өтөт. Акырында, 1968-жылы жарыяланып, кийинки жылы эки ирет кайра басылган макаласында ал аталган концепциясын бир кыйла толук жана кеңейтилген түрдө жазып чыкты. Анын негизги жоболору мына буларга такалат: орто кылымдардагы кытай жылнаамаларында «хакас» деген сөздүн ар түрдүүчө жазылган варианттары жолугат, бул сөз Ортоңку Энесайдагы көп тилдүү жана көп тектүү калктын жалпы аты болуп саналат; ага катарлаш ошол эле жазма даректерде «кыргыз» деген сөз да кездешет, бирок ал байыркы хакастардын династиялык ак сөөктөр жамаатын» гана билдирет; «кыргыз» деген термин Энесайдын бүткүл калкынын жалпы аты боло алмак эмес, анткени анын составына тили бирибирине окшобогон этникалык ар түрдүү тайпалар жана уруулар (угор, самодий жана түркөй) кирген; бул мамлекетте кыргыздар үстөмдүүлүк ээлеп турган, дал ушул себептен улам орхон түрктөрү тугюлар, уйгурлар, ошондой эле батыштын жазма даректери ал уруулардын баарын жаңылыш түрдө кыргыздар деп атаган; Синь-Таншуда Ортоңку Энесайдын калкына тиешелүү деп көрсөтүлгөн сөздөрдүн курамы бул жерде чынында эле көп тилдүү эл жашаганын ырастайт; орто кылымдагы «хакас» деген сөз түпкүлүгүндө самодий тилине барып такалат; биздин заманда ал «хаос» формасында келип жетти; бул сөз тофалардын (хааш), тувалыктардын жана монгол дархаттардын (хаасут) уруулары менен тайпаларынын аттарында сакталып калган; VI–XII кылымдардагы мамлекеттин жана элдин аты катары «хакас» деген сөздүн пайда болушу бул мамлекеттеги калктын арасында жергиликтүү уруулардын түрк тилдүү жаңы уюткусу түзүлгөндүгүн (ага кыргыздар да кирген) далилдейт; мунун өзү «жалпы экономикалык базасы жана бирдиктүү адабий тили – Энесай жазуусу бар борборлошкон күчтүү мамлекеттин түзүлүшүн шарттаган; «байыркы хакастардын» «кыргыз» деп аталган уруусу гунндардын хуань, түрктөрдүн ашина, уйгурлардын яглакар, кидандардын елюй сыяктанган башкаруучу урууларындай нерсе; Энесайдагы руна сымал жазууларда «кыргыз» деген сөз жолукпайт, демек, анын ордуна «эль» деген сөз колдонулган; «кыргыз» деген термин байыркы хакас мамлекетинин чектеринен тышкары жерлердеги жазууларда гана айтылат ж. б. д. у. с.

Автордун мына ушул пикирине ар кайсы жактарынан, анын ою боюнча, Ю.Клапрот, В.Шотт, Н.В.Кюнер, С.Е.Малов, С.В.Киселев, Н.Н.Козьмин сыяктуу «XIX жана XX кылымдын көп илимпоздору» ортоктош боло алат. Акырында Л.Р.Кызласов мындай деген кескин бүтүм чыгарат: «Хакас жана кыргыз деген терминдерди өз ара чаташтыруу жана окшоштуруу, болбосо аларды бири-бири менен алмаштыруу – илимий жосун эмес. Ошондой эле мамлекеттин атын жазма даректерде катталган анын көпчүлүктү түзгөн эмгекчил калкынын энчилүү аты менен эмес, башкаруучу ак сөөктөр уруусунун аты менен атаган да туура эмес.

Бул мамлекетти VI–XII кылымдарда байыркы хакастар түзгөн жана ошолор жердеп турган, андыктан тарыхый чындык бизди аны байыркы хакас мамлекети деп атоого милдеттендирет.

Кийин бул тыянактардын баары адистердин, атап айтканда, тарыхчылардын, лингвисттердин, чыгышпоздордун бир катар каяша пикирлерин пайда кылганда Л.Р.Кызласов актануу иретинде мындай деп жазган: «мен бар болгону советтик тарых илиминде «кыргыз» жана «хакас» деген терминдердин тегерегиндеги маселе алиге чейин бир жаңсыл болуп башы ачыла элек маселе экендигин көрсөтүп, ага кеңири профилдеги адистердин, баарыдан мурда этностук, тарыхты изилдегендердин көңүлүн бурмакка 1964-жылы «VII–XII кылымдардын жазма даректериндеги «хакас» жана «кыргыз» деген терминдердин өз ара байланышы жөнүндө» аттуу атайын макала жазган элем, бирок ал бир катар себептерден улам 1968-жылы гана жарыкка чыкты.

«Аталган терминдердин өз ара байланышын аныкташ үчүн илимде дайын болгон бардык маалыматтарды кыл чыпкадан өткөрүп, алардын колдонуу чектери жөнүндө айтуу керек эле, тарыхчыга ыраба болгондой, тектеш илимдердин бардык белгилүү маалыматтарын жалпылап, автор өзүнүн эмгектеринде мына ушул ишти жасоого аракеттенди».

«Арийне, мына ушулардан соң аталган маселе ишкердүү талкуунун, үзүрлүү илимий талаштын таразасына коюлат деп күтүшкө болот эле. Андай талкуу буюрса башталат деп эсептөөгө жүйөлөр бар жана анда баарыдан мурда социолог адистердин изилдөөлөрү зарыл болот».

Бирок автордун актанган сөздөрүнө ишенүү кыйын, ал булардын баарын аталган маселеге адистердин «көңүлүн буруп», «талкууга тамызгы» болгусу келгенден улам гана айтып отурган жок. Макаланын насаатчыл дымагы, кеп жебеген кескин бүтүмдөрү, ал турсун анын аз эле мезгилдин ичинде үч ирет кайра басылып чыкканы иштин төркүнү таптакыр башка жакта жатканын айтып турат.

Авторду кейпи аталган терминдер боюнча «Эки ачакей» пикирлердин айтылып жүргөнү ал кезде анчейин алымсындырбай калган болуу керек жана ушундан пайдаланып ал өзүнүн «өзгөчөлүү» көз карашын акыркы инстанциядагы акыйкат катары сунуш кылууну көздөгөн шекилди. Башкача айтканда, өзүнүн макаласы менен «талкууга тамызгы» таштоону эмес, тескерисинче, аны «хакас» деген терминдин пайдасына чечип, маселени биротоло жаап салууну, ошентип, «кыргыз» деген терминдин этноним катары тарыхтан таптакыр өчүрүлүшүнө жетишүүнү көздөгөн окшойт.

Муну «байыркы хакастардын мамлекетин» кыргыздардын мамлекети деп атап, «тилекке каршы, анда калктын басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзбөгөн көз жаздымында калтырып жүрүшкөн «азыркы айрым тарыхчыларга» багыштап айткан акыл-насаат сөздөрү анан да казанчыдай каалаган жагынан кулак чыгарып, өзүнүн жогоруда келтирилген жоромолдоруна мурдагы аттуу-баштуу илимпоздордун жоон тобун «тарапкер» кылып алганы айкын көрсөтүп турат. Түздөн-түз макаланын өзүнө келчү болсок, анын тыянактары автордун кандай максатты мурат кылып алганын андан бетер бышыктап бере алат; андагы бүтүмдөрдүн өңүтүн аңдасак, анда «кыргыз» жана «хакас» деген терминдерди бири-бири менен чаташтырып жүргөн изилдөөчүлөр, «илимий усулдан» чыгып кеткендер, ал эми Энесайдын ошол эзелки мамлекетин «кыргыздардын мамлекети» деп атагандар болсо «туура эмес иш кылгандар» болуп саналат. Андыктан, макаланын маанисинен саамыктап тургандай, «айрым илимпоздор» «кыргыз» деген терминди тарыхтын аңгегине ыргытып салыш керек да, Энесайдын калкын «байыркы хакастар» деп аташы зарыл, мына ошондо гана алар «туура» жана «илимий» жолго түшүшөт экен.

Арийне, мындай сөздөрдү бейжооп калтыруу туура болор эле. Айткандай эле «үзүрлүү илимий талкуунун» оту тутанып, болгондо да социолог адистер анын бүйүрүн бир топ кызытышты. Бирок анын жалпы аңыты жана негизги натыйжалары Л.Р.Кызласов күткөндөй болгон жок, тескерисинче ага таптакыр төп келбеген корутундуларга алып келди, атап айтканда, Л.Р.Кызласовдун жоболорун курч сынга алып, чыгышпоз, арабчы Ө.Караев талкууда биринчи болуп топ жарды. Түп нускасында түп орду менен жок болсо деле «хакас» деген терминди байыркы жазма даректердин текстине, азыркы кездеги илим изилдөөчүлөрдүн эмгектерине күчкө салып киргизип, аты-жыты белгисиз кайдагы бир көз караштарды аларга жабыштырып, өзүнүн «талапкери» катары атаган авторлордун ой-пикирин үзүп-жулуп бурмалагандыгы үчүн ал талкуунун демилгечисин адилеттүү түрдө айыптады. Мындай бурмаланган учурлар Н.В.Кюнердин, Б.Карлгрендин, С.Е.Маловдун ж.б. белгилүү авторлордун Л.Р.Кызласов далилге тарткан эмгектеринен алынган үзүндүлөрдө кезигет.

Л.Р.Кызласовдун пикири боюнча Ө.Караев төмөндөгүчө оюн билдирет: орто кылымдардагы бардык эстеликтерде Минусин ойдуңунда жашаган ар кошкон калктын аты бул мамлекетте кыргыздар үстөмдүк абалда тургандыктан жаңылыш түрдө ошолордун аты менен аталып калыптыр.

Биз болсо илгерки жазма маалыматтардын баары текжаатынын ар түрдүүлүгүнө карабай жалпысынан чоң ишеним менен мамиле жасаганга арзыйт деп ойлойбуз. Анткени аларды жыйнап, жазып калтырган авторлордун көбү энесайлык кыргыздардын жеринде өздөрү болушкан же алар тууралуу калетсиз кабарларды бул аймакта болуп келген адамдардан алышкан. Эгер чынында эле VI–XII кылымдарда Минусин ойдуңун хакас аттуу уруулуу калк мекендеп турган болсо, кыргыздар бар болгону алардын аз сандагы аксөөктөр жамаатын түзгөнү анык болсо, анда орто кылымдардагы жазма даректердин жок эле дегенде биринде бул тууралуу сөзсүз эскертилмек.

Кытай тилинин тарыхый фонетикасы боюнча таанымал адистердин бири, белгилүү кытай таануучу С.Е.Яхонтов орто кылымдардагы Энесайдын калкына карата колдонулган кытай терминдеринин маанисин чечмелеп, алардын тыбыштык түзүлүштөрүн кеңири талдоого алып, талкууга аралашты. Адис-синологдун талашка түшүп олтурган маселеге атайылап назарын буруп аны «тишин чагып», кылдаттык менен иликтеп-жиликтеп чыгышы, «хягасы» термининин тегерегиндеги кайчылашкан жана күдүктөнгөн ой-пикирлердин ажытын ачып, маселени бир жаңсыл адатка салгансыды. Анын пикирине ылайык, «хягасы» сөзүнүн кытайча баштапкы формасын кээде «хакас» деп жазып жүрүшөт. Анын бул маанисин кабыл алууга болбойт, анткени ал кытай тилинин тарыхый фонетикалык эрежелерине эп келбейт».

Ток этер кепти айтканда, «хагасы» деген термин кыргыз деген сөздүн кытайча жазылышы болуп саналат; анын кытай санжыраларында айтылып жүргөн өзүнө тетелеш гяньгунь, гегу ж.б.у.с. формалары ошол эле этнонимдин фонетикалык варианттарын (мисалы, кыркур же балким, кыркун, кыркут, кыркыз) билдирет. Хягасы деген айтым тыбыштык жагынан хакас деген сөздү түзө албайт».

Мына ошентип, маселе барып турган кадыр-барктуу деңгээлде чечилип, бардык иштин башы ачылган эле, көрсө, орто кылымдардагы кытай жазмаларында «хакас» деген эч кандай сөз жок экен. Көрсө, ал тарыхый чаташуунун туундусу экен.

С.Е.Яхонтовдун макаласында дагы бир маанилүү тыянак жасалган: «Ушул эле себептерден улам азыркы «хаас» деген сөз да кытай тилине коошо албайт». «Хааска» байланыштуу алганда, балким, мунун «ханас» жана «чаңгычы тюцзюэ» деген терминдерге байланышы бардыр деген божомолун айткан. Ушундай болушу толук ыктымал, анткени аркысы да, беркиси да энесайлык кыргыздардын кыштымдарынан болушкан.

«Кыргыз» жана «хакас» терминдеринин байланышы жөнүндөгү маселе иш жүзүндө С.Я.Яхонтовдун макаласында толук жана биротоло чечилип бүткөндүгүнө карабастан талашкан тараптардын бүйүрү кызып, кеп учугу таза терминологиялык пикир келишпестиктерден алда канча алыска чыгып, талкуу улана берди. Ага катышкандардын арасынан тарыхчы Н.А.Сердобовдун макаласын эскерте кетүүнүн жүйөсү бар. Ал Түштүк Сибирдин этностук тарыхындагы бир катар талаштуу маселелерге кайрылып, аларды кең-кесири талдоого алды.

Автор адилеттүү түрдө көрсөткөндөй, «кыргыз» этнонимин Түштүк Сибирдин орто кылымдардагы тарыхына карата колдонуу боюнча тигил же бул автордун ээлеген позициясы таза академиялык мүнөздөгү кызыкчылыктардын же болбосо тек бир терминологиялык ыйкы-тыйкылыктардын тегерегинде гана калар иш эмес, анын азыркы кездеги улуттук мамилелерге да түздөн-түз тиешеси бар, жакында гана пайда болгон «хакас» этнонимин аймактын байыркы жана орто кылымдардагы калкына алып барып таңуулоо тарыхый процесстин шексиз бурмаланышына, азыркы кездеги элдердин өткөндөгү ролун туура эмес баалоого алып келет. Бүгүнкү хакастардын тарыхын жөнү жок эле жасап-түзөп, басса-турса да «эзелки эл» деп, анын жашын узартуу аракети башка элдердин басып өткөн жолуна шек келтирип, көлөкө түшүрөт.

«Байыркы хакас мамлекетин» идеализациялоонун белгилүү аракеттери, Н.А.Сердобовдун пикири боюнча, Л.Р.Кызласовдун этно «мамлекеттик» саясат, «байыркы хакас» коомундагы сабаттуулуктун деңгээли тууралуу чыгарган бүтүмдөрүнөн, анын өздүк окутуу системасы, менчиктүү жана котормо адабияты болгон, кыскасы күчкө толуп кур болуп турган чагында «байыркы хакас мамлекетинин даңкы» далай жерге жайылган деп ырастаган пикирлеринен көрүнөт.

«Көчмөндөрдүн «байыркы хакас» мамлекетин ушундайча мүнөздөө, – деп жазат буга байланыштуу Н.А.Сердобов, акыйкаттан канчалык алыс турганын атайылап далилдөөнүн кажаты болбосо керек». Ал И.А.Батмановдун жана башка түркологдордун пикирине кошулуп, Тувадагы руна сымал жазуулардын бүт баарын «байыркы хакастардын» энчисине басып бергиси келген Л.Р.Кызласовдун аракетин сынга алды. Ошондой эле «хакас» жана «кыргыз» терминдерин бири-бирине карама-каршы коюп, кыргыздарды «орто кылымдагы хакастардын аристократиялык» майда уруусу катары гана тааныган Л.Р.Кызласовдун негизги концепциясын да четке какты. С.Е.Яхонтовдун пикирин далилге тартып, Н.А.Сердобов эки терминди тең бир этностун атын билдирген окшош сөз катары эсептеген жалпы кабыл алынган көз карашка кошулду. Мындан тышкары ал Л.Р.Кызласовдун «хакас» терминине жан тарткан «кумарлуу ышкысынын» себептерин ачып көрсөттү. Анын ою боюнча, «бул жерде аталган терминди азыркы хакас элинин аты менен байланыштыруу ниети көрүнүп турат».

Тарыхчынын бул пикирине кошулбай коюуга болбойт. Анткени Түштүк Сибирь менен Борбордук Азиянын тарыхын дагы негизги орунду «байыркы хакастарга» алып берип, аларды тарыхый жана этногенетикалык жактан азыркы хакастардын «түпкү атасы» кылып жарыялоо аракети Л.Р.Кызласовдун башка да бир катар эмгектеринен таасын көрүнөт. Мындай аракеттин зыяндуулугун Н.А.Сердобов хакас илимпоздорунун арасында «Л.Р.Кызласовдун жаңылыш көз карашын ээрчиген тарапкерлерди» пайда кылып жатканын көрүп, андай тенденция, атап айтканда, К.Г.Копкоевдин эмгектеринде ачык байкалганын белгиледи. Н.А.Сердобовдун так кесер бүтүмүнө ылайык, «Энесай кыргыздары азыркы хакас элинин составына гана эмес», ошондой эле «тувалыктардын, ортоазиялык кыргыздардын, алтайлыктардын составына да этностук компонент болуп кирген», андыктан аларды «династиялык» ак сөөктөр тукумуна же «хакастарга» айлантуу жол берилгис иш.

H.A.Сердобовдун бул адилеттүү сын пикирлери кийин автордун тувалыктардын улуттук жактан калыптануу тарыхына арналган монографиясында да айтылды.

Л.Р.Кызласов өзүнүн оппоненттерин, атап айтканда, H.A.Сердобовду «ырааттуу» жана «калыс» боло алган жок деп, Ө.Караевди болсо «тенденциялуулугу» үчүн кара күчкө айыптап, тил кайрууга аракет жасады. С.Е.Яхонтовго ал каяша айтканга батына албады, анын далилдерине болгону Н.Ц.Мункуевдин «оозеки кеңештерин» каршы коюмуш болуп, анысын эби келишпесе деле эптеп П.Н.Кафаровдун, Н.В.Кюнердин, В.П.Васильевдин жана «башкалардын» пикирине тогоштура салып чыга берди. Ушул эле ыкманы ал «хакас деген терминге бекем байланган ыкласын» сыпаттоо үчүн да пайдаланды. Муну ал батыш Европалык синологиянын, «орус жана совет илиминин» саралуу салтына берилгендик деп түшүндүрүп, өз пикиринин тарапкерлери катары XVIII–XX кылымдардагы көп сандаган окумуштуулардын: Ю.Клапроттун, К.Виеделунун, И.Абель-Ремюздун, И.Дюгальддын, Н.Я.Бичуриндин, К.Риттердин, В.В.Григорьевдин, Н.А.Костровдун, Е.К.Яковлевдин, В.В.Радловдун, А.А.Спициндин, Н.М.Ядринцевдин, В.И.Огородниковдун, Н.Н.Козьминдин, Р.М.Кабонун, С.М.Киселёвдун, В.П.Левашованын, Л.А.Евтюхованын, С.А.Токаревдин, Л.П.Потаповдун, В.Г.Карцовдун ысымдарын атады. Булардын баары «хакас» терминин канчалык өлчөмдө «жактаганын» ананыраак айталы. Азырынча болсо бул иш жүзүндө Л.Р.Кызласов өзү ойлоп чыгарган концепцияга, б. а., кыргыздарды орто кылымдардагы хакастардын династиялык бир уруусу катары караган көз карашка таптакыр тиешеси жок аттуубаштуу адистердин артына жашынып, алардын колтугуна кире качкысы келген гана аракет экенин көрсөтө кетүү керек. Н.А.Сердобовдун калган башка негиздүү дооматтарын, алардын ичинде «байыркы хакас мамлекетин идеализациялоого умтулат» деген пикирин да Л.Р.Кызласов өзүнө жакын жуутпай, бул жагынан «менин көз караштарымда «аша чапкан» эч нерсе жок» деп жайкап сүйлөп, суудан кургак чыккысы келди. Ал турсун «хакас» термини үчүн «арка-жөлөк болор» жаңы далилдерди тапканга аракет жасап көрдү. «Абакан татарлары» өздөрүн хакастар деп эзели аташпаганын моюнга алып, ал ошол эле учурда минтип жазды: «Бирок алар өздөрүн хаастар жана сагай-хаастар деп аташкан». Дал ушул айтымдар Л. Р. Кызласовдун көз карашы боюнча аларды «хакастар» деп атаганга негиз берет. Оппоненттерине каяша көрсөтүп жатып, ал айрым учурларда кыйла эле алдастаган абалын байкатып коёт. «Азыркы Туванын жана тоолуу Алтайдын аймактарында жашаган элдердин тарыхый процесстеги ордун жана маанисин кемитүү», «башка элдердин ролун бурмалоо жана басынтуу» аракеттерин бизге таңууланган ойлорго каршы кескин нааразылык катары билдиргим келет».

Кийинчерээк бул «каяша кептерди» Ө.Караев кайрадан сындап чыкты. С.Е.Яхонтовдун пикирлерин төгүндөө үчүн Л.Р.Кызласовдун колунда жетерлик жүйөлөр жок экенин көрсөтүп, ал «хакас» термини синологдордун эмгектеринде талаштуу мүнөздө чечмеленгенин, ага Л.Р.Кызласов атайылап көңүл бурбай атканын белгиледи. Н.А.Сердобовду адилет позицияда турган жок деп айыптаган Кызласовдун пикирин четке кагып, кезинде «Туванын тарыхын» даярдап тарыхка чыгарарда анын I томунан «байыркы хакастарды» алып салуу үчүн ал жалпы редколлегия менен жарнакташып көп күч жумшагандыгын эске салды. Ө.Караев ошондой эле кыргыздар жөнүндөгү тарыхый маалыматтардын «хакастардыкы» болуп көрсөтүлүшүнө кайрадан каршы чыкты. Алардын көпчүлүгү Орто Азияда жашап өткөн кыргыздарга тиешелүү экенин, алар Кызласовдун колу ийрисине тарткан ыкмасы боюнча кайдагы бир «байыркы хакастардыкы» катары жаңылыш түрдө айтылып жүргөнүн белгиледи.

Мындан тышкары Л.Р.Кызласовдун «хэсыхэ» деген кытай сөзүн «хасхалардын» (качиндердин бир уруусу) жери катары жаңылыш чечмелеп, анын негизинде бир кездерде «борбордук азиялык кыргыздар» болгон имиш деген көз карашы да сынга алынды. Ө.Караевдин пикири боюнча, «Хэсыхэ» (же хасхэ) деген аталышты тээ Маньчжуриядан, балким анын тегерек белинен же болбосо кезинде князь Наяндын карамагына кирген аймактардан издөө керек. Ушулар менен бирге Ө.Караев руна сымал жазма эстеликтердин «жаңы датировкасы» Л.Р.Кызласовдун сиңирген эмгеги эмес, ал чындыгында И.А.Батмановго таандык экенин да тактап коюуну зарыл деп эсептеди. Акырында келип Ө.Караев төмөнкүдөй жалпы тыянак жасады: «Жогоруда айтылгандардын баары чогулуп келип Энесай кыргыздары жайында кабарлаган күн чыгыштык авторлордун ролун төмөндөтүү жана алардын маалыматтарын бурмалоо аркылуу Л.Кызласов азыркы хакас элинин тарыхын жасалма түрдө байыркы доорлорго чейин узартат, аны көбүртүп-жабыртып көкөлөтөт деп айткан Н.Сердобовдун пикирин тастыктап турат».

«Кыргыз» жана «хакэс» терминдеринин тегерегиндеги талаш-тартыштардын урунттуу учурлары, жалпы жонунан алганда, мына ушундай. Анын жыйынтыгы Түндүк борбордук Азиянын орто кылымдардагы тарыхынан «кыргыз» этнонимин түп орду менен жулуп салууга аракеттенгендердин үмүтүн актаган жок. Тескерисинче, талкуунун жүрүшүндө Энесайдын эзелки калкына карата колдонулган терминдердин баары «кыргыз» этнонимине дал келери, анын синонимдери болуп санала тургандыгы аныкталды. Кытай жазма даректеринде «хакас» термини, анын кандайдыр бир башка формалары дегеле жок экени айкын болду. Мунун өзү болсо анын алда канча кийин келип чыккан адабий тегин артыкбаш ирет ырастап берди. Мына ушул фактыны талкуунун маанилүү эң башкы натыйжасы катары эсептөө керек.

Илимий коомчулук, Сибирдин тарыхын изилдеген адистердин баары талкуунун жыйынтыктарын оң баалап, Энесайдын орто кылымдардагы көчмөн калкын «кыргыз» этноними менен атоонун адилет жүйөсү бар экенин таанып кабыл алышты. Муну менен жадесе Л.Р.Кызласовдун өзү да эсептешпей коё албады. Талкуунун жүрүшүндө эле анын акыл-насаат үйрөткөн сөөметкерлиги, өзгөнүн пикири менен эсептеше бербеген өжөрлүгү, тигил же бул көз карашты негиздөөдө өз кадырын көтөрө «муну биз биринчи жолу түкүнчө жылы эле айткан болчубуз» деген сердымактуулугу аз-аздап кайпактаган маанайга өтүп, өзгөрө баштаган болчу. Автор эми: «Орус жана совет илиминин салттарын» бекем карманарын айтып, «Кызласов элдердин ортосундагы достукту жактайт» деп актана баштады. Мындай маанай Л.Р.Кызласовдун талкуудан кийин жарык көргөн айрым эмгектеринде да көрүндү. Мисалы, Сибирь элдеринин тарыхындагы археологиялык эстеликтердин маанисине арналган эмгекте эртеги кыргыздар адаттагыдай тырмакчага алынбай, орто кылымдардагы хакастар менен бирге Орто Энесайдагы архитектуралык курулуштардын жаратмандары катары эскертилет, ал эми түрк тилиндеги өзүнчө бир керемет бүткөн руна сымал жазма эстеликтер болсо жалаң «хакастарга» эле эмес, «жергиликтүү уруулар менен элдерге таандык» делинип көрсөтүлөт. Мына ошентип, Л.Р.Кызласовдун эмгектеринде кыргыздар биринчи мертебе, «эртеги» де байбы деп ойлоо үчүн мүмкүндүк берер эле, муну болсо Кызласовдун концепциясы көтөрө албайт.

Л.Р.Кызласовдун бул «жаңы ачылыштары» И.Л.Кызласовдун эмгектеринде колдоого алынып, өнүктүрүлдү. «Байыркы» же «орто кылымдардагы хакастардын» башка элдерге жүргүзгөн үстөмдүгү» территориялык жана маданий жактан ого бетер кеңейтилди. Евразиянын көз кайкыткан кеңири аймактарындагы «хакастардын» өтмүштө болбогон үстөмдүгү тууралуу, алар кайдагы бир өзгөчөлүү «байыркы хакас цивилизациясын» түзгөн имиш деген бул кыялы, таттуу кыял барып келип эле баягы талкууда бардык жагынан сынга алынып, ансыз деле чектелген, тар маалыматтарды колко кылып, анын үстүнө аларды үстүртөн, субъективдүү мүнөздө чечмелеген мурдагы жаңылыш көз караштарга негизделет.

Деги бул аралыкта маселенин толук такталып, жалпы таанылган абалын кескин өзгөртүп жибере ала турган кандай жаңы даректер табыла калды да, аталган авторлордун эбак эле жетесине жеткире сындалып, илимде четке кагылган мурунку көз караштарга мынчалык астейдил кайрылышына эмнелер огожо болду? Иш жүзүндө анчейин деле эч нерсе болгон жок. Болгону кытай таануучу Н.Ц.Мункуев «Мен да бейлу» текстинин орусча котормосуна түшүндүрмө берип жатып, эскертүүлөрүнүн бир жеринде С.Е.Яхонтовдун «хягасы» сөзүн «кыргыз» деп чечмелегени анчалык так эместей көрүнгөндүктөн, ага күмөнсүп, туурасы «гаас» болот окшойт деп, өзүнүн вариантын сунуш кыла кетет. Болгондо да муну ал ар тараптан аңтарып, талдап-тактап көрбөй туруп эле, тек гана божомол кылып, сөз арасына кыстара кетет, анын үстүнө бул жоромол «хакас» деген терминдин пайдасына айтылган эч кандай далил да болуп бере алмак эмес. Ага карабастан Л.Р.Кызласов муну кыярбас чындык кылып карманып, илимде четке кагылган өзүнүн натуура көз караштарын жаңыртып, кайра таңуулап кирди. Аталган маселеге кайрылып, атап айтканда, ал мындай деп жазды: С.Е. Яхонтовдун макаласында хягясы (сяцзясы) сөзүнүн түзүлүшү катары хакас айтымы кабыл алынбайт, хягясы – кыргыз деген терминдин кытайча жазылган бир түрү деп ырасталат. Бирок С. Яхонтовдун бул түшүндүрмөсүн Н.Ц.Мункуев төгүнгө чыгарган болчу. Ал «С.Е.Яхонтовдун чечмелөөсүндө жана «кыргыз» деп көрсөткөн түшүндүрмөсүндө жетерлик негиз жок, сянзясы үчүн, сыягы, эзелки гакас (ассимиляциялашканын эске алуу менен) ылайык келчүдөй» – деп көрсөтүп, Н.Ц.Мункуев андан ары окурмандарды «хакас» жана «кыргыз» терминдеринин текжайы сүрүштүрүлгөн биздин макалабызга нускаган. Мына ошентип, С.Е. Яхонтовдун түшүндүрмөсү менен макул болууга жүйө жок».

Анык кызык деп ушуну айт: көрсө Яхонтовго ишенүүгө болбойт экен, анткени Н.Ц.Мункуев анын айткандарына макул болбогон себеби – ал Кызласовго ишенет, Кызласовдун далилдерин болсо Яхонтов туура таппайт. Көрүнүп тургандай, маселенин баары айлампалуу туюкка келип кептелди да, «эзелки гакас» илме иштен бетер «кыргыз» дебестен «хакас» деп айтуунун тууралыгын көрсөткөн айныбас далил болуп чыга келди! Макул дейли, Н.Ц.Мункуевдин айткан кеби кыярбас акыйкат болгон күндө деле «хакас» эмес «гакас», «гакастар», «гакас мамлекети», «гакас цивилизациясы» ж. б. у. с. делинип айтылып, жазылышы керек эле го, бирок эмне үчүндүр андай болгон жок. «Мен да бейлунун» котормосуна байланыштуу жазылган түшүндүрмөлөрдү жылт эте түшкөн ушул илинчекти Кызласов «өзүнүн мурдагы ышпалдасы чыккан концепциясын актап чыгуу үчүн пайдаланып, анысын азырга чейин карыша кармап келатат.

Аталган маселе боюнча ал талкуунун жүрүшүндө жана андан кийин да бир катар пикирлерди айткан эле, бирок алар талаш-тартыштын жаргылчагынан өткөн эмес. Ошондуктан буга чейин биротоло такталып, бир жаңсыл болуп чечилип бүткөн жагдайларды кайталабай туруп, Л.Р.Кызласовдун жаңы табылгаларына бир сыйра кайрыла кетүүнүн зарылдыгы келип турат.

Биринчиден Тан доорундагы кытай жылнаамаларында дзяньгунь (кыргыз) жана сяцзясы (варианттары менен) терминдери эки башка мааниде колдонулат, алардын айырмасы бар деген пикирге Л.Р.Кызласов өзүнүн бүткүл концепциясынын өзөгү катары таянат. «Кытай тарых-наамачылары, – деп ырастайт ал, – Тан доорунун тушунда «кыргыз» (цзяньгунь) деген терминди бир эле жазма даректерде «хакас» деген термин менен бирге колдонушат». Эскерте кетели, «сяцзясы» термини боюнча Л.Р.Кызласов келтирген варианттардын тизмесинде анын айрым формалары жок, бирок буга карабастан аларды деле Кызласов «хакас» сөзүнүн жазылыш түрлөрү деп эсептейт.

Мындай «айырмачылыктын» мааниси тарыхый-фонетикалык жактан эмнени туюнта тургандыгын өз кезинде О.Е.Яхонтов абдан эле ачык, айкын көрсөттү, андай «айырма» дегеле жок. Бул бир. Экинчиден, Л.P.Кызласов ушул эки терминдин айырмалуу маанисин ырастай ала турган далил катары жылнаамаларда гяньгундардын «урук-урку динлиндердин тукуму менен аралашып кеткен» мезгилден кийинки жагдайлардан кабар берип, «хягас» деген эзелки гяньгунь мамлекети болот» деп көрсөткөн дарекке таянат. Чындыгында болсо, эгер котормонун тактыгынан шектенбесек, анда бул туюнтма айырмачылыкты эмес, окшоштукту билдирет. Ал «хягас» деген «гяньгунь» деп өзү эле айтып турбайбы. Эгерде Л.Р.Кызласов далилдөөгө аракеттенгендей, иш башкача болсо, анда текстте «хягас» деген «гяньгунь эмес» деп жазылмак. Демек, бул эки терминди Л.Р.Кызласов теңирден тескери мааниде түшүндүргүсү келсе да, аларды жазма даректердин тексттери түздөн-түз түгөйлөш сөз катары атап олтурат. Мындан башка дагы кандай далил керек?!

Андан ары Л.Р.Кызласов «Түндүктөгү варварлар барабара бул сөздү өз тилинде жаңылыш түрдө хягас кылып алышкан, анткени уйгурлар алар тууралуу кеп кылышканда саргыч кызыл жүздүүлөр деп тергеп айткысы келген» дегенди келтирет. Бул маалымат өз кезинде «хягасы» дегенди кыргыздардын уйгурлар аркылуу кытай тилине өткөн «ылакап аты» катары эсептөөгө негиз болуп берген. Белгилей кетели, жазма даректердин авторлору бул жерде анын кийинки жазылыш формасын эртегисине карамакаршы койбойт, тек гана анын маанисин жана түпкү тегин түшүндүрүүгө аракеттенип жатышат. Буга байланыштуу К.И.Петровдун «хя(р)кяс» формасы аркылуу «хягас» жана «кыргыз» аттуу сөздөрдүн түпкү уңгусу бир экенин, алардын окшоштугун тапса болот деген божомолун эске түшүрүү жөн болчудай. Анын үстүнө «хя(р)кяс» айтылышы кыргыздардын азыркы монгол тилиндеги аталышына «хяргас» дегенге абдан жакындашып турат. Мисалы, хяргас-нур колу, хяргас посёлогу. Кыскасы, «кийинки каталык» кыргыз этнониминин баштапкы маанисине таптакыр тескери келбейт.

Ошентип, хягасы жана «цзяньгунь» терминдеринин ортосундагы «айырмачылык» ойдон чыгарылган жасалма маселе. Андай болгон соң, арийне, Л.Р.Кызласов ойлогондой, «хакас» термини кытай жазма даректеринде мааниси жагынан кыргыз деген терминге караганда алда канча кеңири жана тагыраак мүнөзгө ээ, анткени бул сөз чындыгында эле байыркы хакас мамлекетин түзгөн көп түрлүү уруулардын мүлдө баарын камтыган жалпы түшүнүктү билдирген» – деп тыянак чыгарууга эч кандай негиз болуп бере албайт. Деги минтип каякта, кайсы маалыматта айтылат экен?! Жазма даректерде мунун кыялый кабары турсун, кенедей каңшаары да жок.

Л.Р.Кызласовдун «кыргыз» деген термини тили бөлөк, ар кошкон ошол уруулардын «энчилүү аты» боло алмак эмес деген сөзүнүн осолдугу да кашкайып көрүнүп турат. «Кыргыз» термини гана эмес, калган башка бардык терминдер деле, «хакас» деген жасалма сөз андан бетер, алардын «энчилүү аты» боло алмак эмес. Тили, түпкү теги жагынан ар башка түркүмгө кирген уруулардын кайдан жүрүп бирдиктүү «энчилүү аты» болсун?! Эгер «кыргыз» деген сөз бул мамлекетте үстөмдүк абалда турган этностук тайпанын «кыргыздардын» «энчилүү атын» билдирген десек, анда башка кеп, ошону үчүн аны башкача эмес, «кыргыз каганаты» деп аташкан эмеспи. Ал эли кыргыздарга көз каранды болуп, алардын букаралыгында турган бардык башка урууларды жалпы жонунан «кыштымдар» (теги башка кул-кутандар) деп коюшкан, андыктан аларды ушинтип гана атоо керек.

Айтор, кайсы гана мамлекет болбосун, анын аталыш наамын букаралык абалда турган уруулардын санына карап аныктоо аракети беймааниликтен бөлөк эч нерсеге татыбайт, анткени көчмөн мамлекетте үстөмдүк кылуучу этнос ар дайым азчылыкты түзгөн, бирок тарыхчылар андай мамлекеттерди кайсы этнос бийликте турса, ошонун аты менен түрк, уйгур, кыргыз, монгол ж. б. мамлекети деп аташат.

Изилдөөчүлөр эбак эле белгилешкен, кыргыздар Энесайда «орто кылымдардагы хакастардын» арасында бар болгону «аз сандагы династиялык аксөөктөрдүн» гана тукумдары болгон деген пикир акылга сыйбайт. Бул ойдун кантип, кайдан келип чыкканы да белгилүү: ал кыргыздардын «урук», «муун», «уруу» деген айтымдарын туура эмес түшүнүүдөн пайда болгон, анткени алар ар кайсы уруулар менен элдерге карата, анын ичинде «хягас» термини менен да айкалышып кеңири айтылган. Мисалы, «хягас үйү», «хягас деген чакан уруу» ж. б. Андыктан «кыргыздар – аксөөктөр тукуму» деген аныктаманын ылгый көрагар мүнөзү бар, ал «кыргыз» деген терминдин этностук маанисин жокко чыгарууну көздөйт. Бул аныктаманын кабыл алынышы маселени татаалдантып, чечилиши кыйынга турган бир катар карама-каршылыктарды пайда кылмак. Эгерде гяньгундарды чынында эле аксөөктөрдүн бир ууч «урук-урку» болгон деп эсептей турган болсок, анда алар жазма даректерде өздөрү менен бирге айтылып жүргөн азар түмөн динлиндерди кантип каратып алышкан да, аларды кантип ассимиляциялап алган? Эгер алар бул кезде өзүнчө урук-тукум болуп түзүлө элек болчу деп санасак, анда кайдан жүрүп этностон бир уруктун гана уюткусун түзүп калат? Андан кыйла кийин деле «сөөк-кыргыз тукуму» ар кайсы уруулардын составына киргени белгилүү, ал эми династиялык укум-тукумдар бир гана уруудан чыгышы мүмкүн эмеспи… Мисалы, түрк уруусундагы ашина тукуму, уйгур уруусундагы яглакар тукуму ж.б. Анан калса «кадыр-барк күткөн жана белгилүү болгон, ушундай жамааттан чыккан тукумдардын аттары» кыргыздардын өздөрүнүн ичинде да болгонун жазма даректер кабарлайт.

Энесайдагы байыркы бул «мамлекетте кыргыздар үстөмдүк абалды ээлеп тургандан улам гана» ошол замандагылар аны, Л.Р.Кызласовдун пикири боюнча, «жаңылыш» түрдө кыргыздардын мамлекети атыктырган имиш. Аны кыргыздардын өздөрү түгүл, ага жамаатташ жашап, жакшы билген же болбосо алыстан туруп дайнын угуп, кабарын эшиткен элдердин баары ушинтип атаган соң, ал дал ошол эзелки энчилүү аты менен гана аталганы абзелдир. Буга кала берсе, «тилдеги эн белгилер» да эч кандай эбеп боло албайт. Кыргыздардын тилинде бир нече «самодий» сөзү бар экени ырас, бирок ал тарыхый чындыкты өзгөртүп ийе албайт жана Энесай калкы самодийлердин тукумунан жаралганына кепил боло албайт. Кыргыз тили түркий тилдердин түркүмүнө кирери кимге таңсык, муну жадесе Л.Р.Кызласов өзү айткандай, кыргыздардын мамлекетинде «адабий тилдеги» озуйпасын аткарган «көрөңгөлүү руна сымал Энесай жазуусу» деле ырастап турбайбы:

Л.Р.Кызласовдун «хакас» деген сөздү хаас (качиндер), хааш (тофалар), хаасут (дархат-монголдор менен тувалыктар) сыяктуу этнонимдер менен жакындаштырганы да анын көз карашын бекемдөөгө арка-жөлөк боло албайт. Аталган этностук тайпалар, балким, түпкүлүгүндө барып этностук жалпы бир уңгуга жалгашар. Мындай болушу толук ыктымал. Болгону аларга анын сөөктөрүнүн составындагы хаасуттардын урук-жаатын кошуу керек.

Тарыхта белгилүү, өз учурунда Хубсугун көлүнүн жака-белинде хаасут кошуну жашаган. Ал административдик жактан өзүнчө турган тогузунчу урянхай кошуну эле.

Ушундан улам божомол кылса болот: хаасуттар жана аларга жакындыгы бар башка этностук тайпалар, балким, ага хаас-качиндер да кире турган чыгар, ошол урянхайлык тардын, жазма даректерде айтылгандай «чер токойдо жашаган урянкаттардын» укум-тукуму болушу мүмкүн. Урян хайлар Тан жана Юань доорунда хакас, хабханас, хань хэна, чацгычы тюшзюэ деген сыяктуу нысапалар менен таанымал болушкан. Айтор, аларды хааскачылыктар менен бир текке жалгаштырса болчудай деп айткан. С.Е.Яхонт овдун божомолунда калетсиз чындык бар сыяктанат. Бирок кептин негизги уңгусу мында: бул жерде аталган тайпалардын баары кыргыз мамлекети күч-кубатына толуп, кур болуп, улуу держава аталып турган чакта ага кыштымдарды берип турган. Ошол кыштымдардын бир бөлүгү кийин ханас деген ат менен кыргыз жергесинде орустар пайда болгонго чейин сакталып келген, ал турсун бүгүн деле ушу азыркы эле хакастардын бир уруу жамаатын түзүшөт. Андыктан Л.Р.Кызласов өңдөнүп хакастарды (ханас, хабханас) харгястар (кыргыздар) менен чаташтыруунун эч кандай зарылдыгы жок. Анын үстүнө кыштымдар тарыхта «кыштым» бойдон калууга тийиш. «Байыркы же орто кылымдардагы хакастар» деген кайдагы бир өтмүштө жок жалган атка жамынып, кыргыздардын тарыхын аларга тартып берүү ары осол, ары одоно иш.

Л.Р.Кызласов андан ары өз жоромолун дагы бир тарыхый табылга менен тастыктоого тырышат. Атап айтканда, ал мындай деп жазат: «Энесайдын ортоңку жана өйдөкү алабынан табылган руна сымал жазууларда кыргыздардын аты аталбайт, болгону анын «синоними» – эль деген гана сөз жолугат». Макул, ушундай экен деп туралы. Бирок «кыргыз» деген этноним: биздин заманда тээ илгерки III кылымдан тартып биздин замандын XVIII кылымына чейинки ар түрдүү элдердин жазма даректеринде ташка тамга баскандай болуп бадырайып жазылып турбайбы. Эң негизгиси – ал түрктөрдүн, уйгурлардын жазма санжыраларында кыргыздардын өздөрүнө таандык тарыхыйархеологиялык тексттерде кездешет. Эмне экен, айрым эстелик алардын аты аталбай калса эле «кыргыз» деген этнонимдин түпкү нускасынан шек санап, аны тарыхтан орду-түбү менен шыпырып салуу керекпи?! Тан доорундагы жылнаамаларда кездешкен анын «хягясы» аттуу бир түрүнөн шек санап, андан «айырма» издеп ополоң-тополоңго түшкөн аракет кыргыздар тууралуу башка даректерде түгөл кездешкен маалыматтардын алдында чындап келгенде шоона эше албайт. Анан калса «эль» деген сөз руна сымал кыргыз жазмаларында гана учураса бир жөн эле. Эгер ал «кыргыз» деген сөздүн «синоними» болгон болсо, анда уйгур жана түрк тилиндеги жазууларда анын мааниси эмнени билдирет? Кайсы жагынан албайлы, «эль» жана «кыргыз» деген сөздөрдү кыйыштырып, «түгөйлөштүрүү» таптакыр алгылыксыз жосун болуп турат.

Жүрө түшүп Л. Р. Кызласов өзүнүн өйдө жакта айтылган ойлоруна мындай бир далилди кошумчалай турган болду. Көрсө, азыркы хакастардын арасында өздөрүн «хаастар жана сагай-хаастар» деп атаган этностук тайпалар бар экен, мына ошол себептен улам биз Энесайдын байыркы калкын «хакастар» деп аташыбыз ылаазым экен. Хаастар (качылыктар) жөнүндө өйдө жакта айтылды. Ал эми «сагай-хаас» деген болсо Л.Р.Кызласовдун атасы Роман Афанасьевич Кызласовдун адабий псевдоними, Бейка улусунда жашагандар «кээде өздөрүн ушинтип аташчу» экен. Эми мына ошол адабий псевдоним орто кылымдардагы Энесайдын калкы үчүн «энчилүү ат» катары сунуш кылынып отурат.

Макул кыргыздар ал кезде үстөмдүк абалда турса да элдин «көпчүлүгүн» түзө албаган экен, ошону үчүн «тарыхый акыйкат» Л.Р.Кызласовго орто кылымдагы Энесайдын калкын кыргыздар деп атаганга «уруксат» бербей жатыптыр дейли, андай болсо эмне үчүн ал ошол байыркы көп уруулуу элдин баарын кыргыздардай эле азчылыкты түзүп, бирок эч качан үстөмдүк абалга жетпеген, тескерисинче, кыргыздардын букаралыгында турган бир уруунун аты менен атаганга өзүнөн-өзү «уруксат берет?! Неге дегенде хакас-качылыктар, ал эми Бейка улусунда жашагандар андан бетер «эмгекчил калктын көпчүлүгү» боло албайт эмеспи, ал ар болгону кыштымдардын бир уруусу гана болуп саналат го.

Л.Р.Кызласов айтып жаткан «абакан татарларына» келсек, алардын чынында эле энчилүү аты болгон, бирок алар өздөрүн хаастар же сагай-хаастар деп эмес, «тадырлар», б. а., татарлар деп эле аташкан. Бул энчилүү ысым Хакассиядагы жергиликтүү калктын оозеки тилинде ушу кезге чейин айтылып жүрөт, аны кала берсе «хакас» деген официалдуу ат да сүрүп чыгара алган жок.

Дагы бир кызык нерсе: хакастардын топонимикасы, жалпы эле фольклору, мисалы, хыргыс, уйгур, тиргеш, тилек, моол ойрот, торбет, китат, соян, сарт ж.б.у.с. орто кылымдардагы жана азыркы кездеги толгон-токой уруулар менен элдердин аты-жөнүн санат кылып айтат да, ал эми өзүнүн «хакас» деген жасалма өгөй атын эч бир жерде атабайт, андай атты таптакыр билбейт. Ал гана турсун «тадырлар» менен бирге хакас фольклорунда ага чейинки жалпы аталышы – «хоорай» деген сөз кездешет. Бул эмне, Энесайдын «көпчүлүк эмгекчил калкы» илгери-кийин болобу, же «хакас» деген жасалма, китеп сөзүн эч качан эшитип-укпаганын, алар өзүн «хоорай» жана «тадыр» деп гана атаганын ырастай албайт бекен?!

Тарыхый адилеттик мына ушул фактылардын баарын эске алууга милдеттендирет, алар болсо бир гана нерсени Энесайда өткөн доорлордо өздөрүн «хакас» деп атаган эл эч качан жашабагандыгын жана андай элди ошол кездеги жумурай-журттун эч кимиси угуп көрбөгөндүгүн күбөлөндүрүп турат. Бул сөз өзүнүн ушу таптагы маанисинде биздин кылымдын 20-жылдарынан бери гана айтылып келатат, андыктан аталган аймактын калкын дал ошол мезгилден тартып гана хакастар деп айтуу керек. «Хакас» деген сөздү орто кылымдардагы Энесайдын калкына көчүрүп барып, ага зордуктап жалгаштыруу аракети тарыхты бүтүн башына каратып бурмалоо гана болуп саналат.

Л.Р.Кызласовду сынга алгандар адилет белгилешти, анын концепциясы терминдерди тетири тейге салып алардын ордун алмаштыргысы келген аракет менен эле чектелбейт. «Кыргыздар» менен «кыштымдардын» тарыхый жактан аныкталган айырмасын танып, анын ордуна кайдагы бир ойдон чыгарылган «хакас» деген терминди таңуулап, Л.Р.Кызласов иш жүзүндө жалпыга белгилүү чындыкты, тактап айтканда, азыркы хакастар урук-урку жагынан кыргыз кыштымдарынын урпактары экенин, ал эми кыргыздар болсо хакастардын эле эмес, ошондой эле тувалыктардын, кыргыздардын жана башка түрк тилдүү элдердин составына киришкендигин төгүнгө чыгарууга умтулат. Арийне, биздин жумушчу-дыйкан мамлекетибизде өз элинин түпкү тегин сөзсүз эле «династиялык ак сөөктөр тукумуна» алып барып тогоштуруу милдет эмес. Ошол эле учурда «көпчүлүк эмгекчил калкты» – кыштымдарды байыркы ата-бабабыз деп айткандын да эч кандай осолдугу жок, бирок эмне үчүндүр айрым бир марксисттарыхчылар дал ушул чындыктан көбүрөөк «көрүнүшүп», өз элинин өткөндөгү тарыхын кандай да болбосун мартабалуу кылып өзгөртүп түзүүгө жан талашышат, ошондуктан бир кезде атагы таш жарып, дарек-даңкы бүткүл Азияга угулган «хиргиз элинин» укум-тукумдары башка эмес, мына биз болобуз дешет, ага эч кимди жакын жолотпой, жосуну келбесе да өздөрүнө энчилеп алгысы келишет. Бирок минтип ар кимибиз эле өзүбүзгө атак-даңкына карап ата-тек тандай берсек, анда тарыхтан эмне тамтык калат? Андыктан Л.Р.Кызласовдун көз караштары менен, кала берсе азыркы күндөрдөгү мына ушул позициялардан туруп караганда да макул болууга болбойт.

Айтор, айтылгандардын баарын жыйынтыктап, ток этер тыянакка токтолсок, алды менен мына муну белгилөө зарыл: илимде белгилүү болгон бардык тарыхый даректерге ылайык, орто кылымдарда Сибирдин түштүгүндө өздөрүн «кыргыз» деп атап, калган башка элдерге дал ушул ат менен таанылып, аттын кашкасындай белгилүү болгон түрк тилдүү эл жашаган. Кыргыздар өз мамлекетинде жалпы жонунан «кыштымдар» деп аталган тили жана этностук тек-жааты жагынан ар түрдүү тайпаларга кирген урууларды текши бирдей баш ийдирип, бийлик башында турган. Андыктан орто кылымдарга тиешелүү материалдарды баяндап жазууда же талдап көрсөтүүдө «кыргыздардын» өзүн, «кыргыз маданиятын», алар түзгөн мамлекетти – «кыргыз каганатын» өзүнчө так ажыратып, кыргыздардын букаралыгына кирген «кыштымдар» менен чаташтырбоо зарыл.

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

Кыргыз маданиятынын келип чыгышы тууралуу маселеге Миң-Өзөндөгү эзелкинин табылгаларын классификациялап жатып С.А. Теплоухов биринчи болуп иликтөө салып көргөн. «Чаа-тас» деген ат менен белгилүү болгон көрүстөндөрдү ал эстеликтердин өзгөчө, VI тобуна топтоштуруп, алардын б.з. III–IV кк. таандык «айкелбет кептер (маска)» көмүлгөн мүрзөлөргө «тыгыз жакындыгы» бар экенин көрсөткөн.

Муну азыркы түшүнүк менен чечмелеп айтсак, автор б.з. III–IV кк. таштык маданиятынын тепсей дооруна мүнөздүү эстеликтер менен б.з. VI–VIII кк. кыргыз маданиятынын чаа-тас дооруна таандык эстеликтердин ортосунда бири-бирине улашып турган хронологиялык жана генетикалык окшоштуктарды көргөн С.А. Теплоухов, атап айтканда, чаа-тастардын таш тосундары менен тагар коргондорунун мамы плиталары өз ара түспөлдөшүп турганын, таштык жана кыргыз карапа өнөрүндөгү өңдөштүктү, эки маданияттын тең көрүстөн эстеликтеринен колодон жасалган эки баштуу, өң-түспөлү бирдей пластинка тумарлар табылганын көрсөткөн. Андан кийин аталган маселени С.В.Киселев атайылап изилдеп чыккан. С.А.Теплоуховго кошулуп, ал да кыргыз маданияты «бул аймактагы байыркы маданияттар» менен «күчтүү байланышта» болгон деп көрсөттү. Бул оюн бекемдеш үчүн ал чаа-тастар түзүлүшү жагынан тагар коргондоруна окшош келерин, андан тышкары тагар, таштык жана кыргыз эстеликтери баары тең «эшик» чыгарылып жасалганын белгиледи. С.В.Киселевдун көз карашына ылайык, таштык мезгилиндеги көрүстөн казанактары менен чаа-тастардын ички түзүлүшүндө да «таң каларлык окшоштуктар» байкалат, мисалы, мүрзөлөрдүн оросу айландыра кыска устундар жана чабак жыгачтар менен кынапталып, ортосуна түркүк орнотулган. Автордун айтымында, «соңку таштык доорундагы» кабырлар чаа-тастарга айрыкча окшош келет, алар төрт тарабынан таш менен корумдалып, чарчы түрүндө ор казылып, көтөрмө кылып жасалган; ар биринде бирденэкиден өрттөлгөн адамдын жасаты, идиш-аяктар жана койдун же уйдун сөөктөрү бар. Эки маданияттын тушунда тең кабырларга коюлган ыскат буюмдарынын арасынан адат катары жандыктардын эки башы, көбүнчө жылкынын, койдун түспөлү түшүрүлүп, алтын жалатылган буюмдар, сапал идиштер кездешет. С.В.Киселевдун пикири боюнча Кичи Көпөн кыштагынын жанындагы байыркы кенттерден жана Тесь кыштагындагы көрүстөндөрдөн табылган кыргыз карапалары «бүт бойдон соңку тагар жана таштык доорундагы карапаларга түспөлдөш». Ал эми Көпөн чаа-тасындагы чегеленип жасалган буюмдардын оюу-чийүүлөрү «тагар-таштык искусствосуна үндөшүп турат». Таштык жана кыргыз маданияттарынын ортосундагы тыгыз «генетикалык байланыш», автордун маалыматтарына ылайык, «таштык доорундагы бет кептерге байкоо жүргүзгөн учурлар да көрүнөт. Мындай бет кептер ошол кезде калктын жаңы, кыргыздарга мүнөздүү келген кебете-кешпири калыптанып бүткөнүнөн» кабар бере алат. Соңку таштык доорундагы көрүстөндөрдөн чаа-тастарга өтүү процесси, С.В.Киселевдун божомолунда, «кудырган мезгилине чейинки» (б.з. V к. чейин) убактарда аяктаган.

С.В.Киселевдун бул пикирлерин Л.А.Евтюхова кубаттаган. Ал Энесайлык кыргыздардын өлүк көмүүгө байланышкан ырасымдарынын «түпкү тамырын» таштык доорундагы көрүстөндөр менен казанактардан алынган далилдерге алып барып тогоштурган. Автордун оюна ылайык, мындай жакындыкты таштык жана кыргыз доорлорунун ортосундагы «өткөөл мезгилдин» эстеликтери айрыкча таасын көрсөтүп турат. Мисалы, «маркумдарды өрттөп көмүү» салты, көрүстөндөрдүн ички жасалышы, казанактардын үстүн кайыңдын кабыгы менен кабаттап жаап, шагыл таштарды корумдап үйүшкөнү, жаныбарлардын сүрөтүн чегелеп, алтын жалатып тумар жасашканы ушундай окшоштуктарды билдирет.

Л.Р.Кызласов да айрым бир эмгектеринде С.В.Киселевдун тыянактарын кайталайт. Сыр чаа-тасындагы коргондордун конструкциялары жана жалпак коло тумар табылгалар, анын пикири боюнча, «байыркы хакас маданиятынын таштык доорундагы маданият менен генетикалык жактан калетсиз байланышы бар экенин» ырастайт. Автор идиштердин формасынын да эки маданиятка тең тиешелүүлүгүн белгилейт. Кийинчерээк Л.Р.Кызласов таштык доорунан «Камешковдук өткөөл мезгилин» бөлүп чыгып, аны б.з. IV–V кк. таандык кылып көрсөткөн. Бул мезгилде казанак казуу, өлгөн адамдын денесин өрттөө, көрүстөн бет кептерин жана миниатюраларды жасоо салты колдонулбай калган. Л.Р.Кызласовдун бүтүмүнө ылайык, «VI–X кк. маданият түпкү теги боюнча таштык доорундагы маданияттан өнүм алып өсүп чыкканын С.В.Киселев ынандыра далилдеп берген жана ал эч кимдин каяша пикирин пайда кылган эмес. Буга жогоруда айтылган IV–V кк. Камешков мезгилиндеги эстеликтер эң сонун күбө боло алат. Соңку таштык жана байыркы хакас доорундагы көрүстөндөрдөн жолуккан карапалардын сырткы түспөлүндөгү айырмачылыктарга байланыштуу келип чыккан жасалма карама-каршылыктар да бир жаңсыл болуп чечилүүдө.

Биринчиден, биз VI–VIII кк. идиштердин формасы кандай болгонун буга чейин эле көрсөткөнбүз, алардын таштык дооруна байланышы бар экенин анык (төрт кырдуу идиштер, түбү тегерек чөйчөктөр, гүл түшүрүлүп кооздолгон картыктар ж.б.); экинчиден, VI к. тартып карапа жасоочу чыгырыктын кеңири колдонула башташы соңку таштык доорундагы карапа жасоо өнөрүнүн өнүгүшүн өксүттү; үчүнчүдөн, Кичи Копён кыштагындагы VI–X кк. таандык эзелки кенттин ордун казганда табылган буюмдар күнүмдүк тиричиликте байыркы хакастар таштык, ал турсун андан мурунку тагар доорунан бери келаткан чаптама идиштерди урунушканын ырастады».

Бул үзүндүдөн көрүнүп тургандай, 60-жж. илимпоздордун арасында таштык жана кырыз маданияттарынын өз ара тектеш экендиги эч кимдин шектенүүсүн пайда кылган эмес. Андан бир топ жыл кийин Л.Р.Кызласов: «Таштык доорундагы көрүстөн казанактары болбогондо чаа-тастар да болмок эмес», – деп өзүнүн мурунку пикирлерине кайчы келген бүтүмүн айтып чыкты. Буга чейин чаа-тастар казанактардын эмес, «таш менен тосмолонгон көрүстөндөрдүн» үлгүсүнөн пайда болгон деп ырастап келген. Мындай эки ача көз караштын ажыты таштык маданиятынын мезгилдери жөнүндөгү маселени М.П.Грязнов кайра карап чыккан соң аныкталып, биротоло такталды тепсей XI чаа-тасын казып изилденгенде таштык казанактары менен кыргыздардын чаа-тас коргондору курулушу жагынан үндөшүп тургандыгы аныкталды. Ача-Мариин ойдуңундагы Михайлов көрүстөнүнөн таштык маданиятынын тушундагы казанактар табылган, аларга коюлган ыскат буюмдарынын арасынан эрте орто кылымдар мезгилине мүнөздүү келген «кыргыз вазалары», жаа салгычтар, жебелер, саадак салгычтар бар курал-жарактар чыккан. Э.Б.Вадецкая жүргүзгөн иштердин натыйжасында таштык доорундагы өлүк көмүү жана аза күтүү каада-салты жөнүндөгү маалымат-түшүнүктөр бир кыйла байыды. Тепсей чаа-тасынан табылган миниатюралар таштык мезгилиндеги петроглифтерди аныктоого мүмкүндүк берди. Оглахтин көрүстөнүнөн ачылган «манекендер» көрүстөн бет кептери менен «куурчактар» кандай максатта колдонулганын билүүгө ачкыч болду. Соңку жылдарда чаатас доорундагы Энесай калкынын өлүк көмүү адатына тиешеси бар маалыматтар кыйла кеңейди. Айрым бир эмгектерде тесин мезгилин таштык маданиятына бириктирип, анын хронологиясын б.з. VI, ал турсун VII к. чейин «жашартып», ал эми чаа-тас доорун эки мезгилге бөлүп, анын жогорку чегин X к. чейин узартуу сунушу айтылган. Арийне, таштык жана кыргыз маданияттарынын өз ара тектештигин так аныктоо көп жагынан алардын хронологиясы жана интерпретациясы жаатындагы маселенин чечилишине жараша болору түшүнүктүү.

Чаа-тас доорундагы кыргыз маданияты хронологиялык жактан түз эле таштык маданиятынын соңунан башталат. Таралуу чөлкөмү жагынан да ал, негизинен, ошол эле аймакка туура келет. Болгону Ача-Мариин ойдуңу менен Саян өрөөнү гана анын таасиринен сырткары турат, анткени бул жерлерде таштык маданиятынын эстеликтери гана жолугат, ал эми VI–VIII кк. кыргыз эстеликтери жок. Анын үстүнө өз ара салыштырып жаткан комплекстер негизинен көрүстөн эстеликтери болуп саналат. Таштык маданиятынын тепсей этабында, т.а. III–IV кк. алар абдан эле көп түрдүү болгон. Алардын арасында чарчы же тик бурчтук түрүндө казылган ороосу, асты-үстү тосулуп, төрт тарабы кынапталып, кээде эшик чыгарып жасалган көтөрмөсү; туурасынан жаткырылган плиталар менен чарчы же тик бурчтук түрүндө урулган тосмо дубалы, кээде көтөрмөнүн үстүнө тикесинен орнотулган плиталары бар чоң казанактар, коргондор көбүрөөк жолугат. Казанактарды катмар-катмар кылып, тосундап, таш плита төшөп, топурак төгүп жабышкан. Алар коллективдүү сагана-жайдын милдетин аткарган. Өлгөндөрдү өрттөп, сөөктөрүн тери маникендерге салып, көрүстөн чебин кийинтип коюшкан. Ыскат үчүн ар түрдүү асемдеги идиштерди, миниатюралык предметтерди, таралгаларды, тумарларды, чынжыр боолорду, курал-жарак турмандарын, учтары сөөк жебелерди, майда-чүйдө жыгач буюмдарын, кой жана уй астрагалдарын көмүшкөн. Мындан тышкары, түзүлүшү жөнөкөй чакан казанактар да кездешет, алардын көтөрмөсү алдында эч нерсе төшөлбөй, эшик жасалбай, тикесинен орнотулган таш плиталар менен корумдалып жасалган. Аларга өрттөлүп, манекенге салынган күлү менен бирге адамдын табыты жана чогултулган сөөктөр коюлган. Ыскат буюмдары сапал идиштерден, таралгалардан, тумарлардан турат. Казанактардын баары толтурулгандан кийин, эреже катары, өрттөп турушкан. Топурак бейиттер болсо тик бурчтуу чуңкур түрүндө казылып, көтөрмө кылып кашааланып, үстү жабылган. Алардан көбүнесе сапал идиштер, жасалгалар, койдун далы сөөктөрү чыгат. Чакан казанактар менен топурак бейиттер чоң казанактардан айырмаланып дароо эле толтурулган. Жаш балдардын сөөктөрүн таш табыттарга салып, тосундап жабылган чуңкурларга, топурак бейиттерге коюшкан.

Таштык доорундагы өлүк коюу адаты белгилүү мөөнөт менен чектелген, мунун өзү табытты сактоонун, аны мумиялап, бальзамдап катыруунун, маркумдун өрттөлгөн жасатын манекенге салып, беткеп кийгизип, кайра өзүндөй кылып иреттеп чыгуунун татаалдыгы менен шартталган.

Маркумдарды эскертип, аза күтүү зыяпаты бир түрдүүрөөк, жөнөкөй мүнөздө болгон. Бул үчүн атайын кыдырата ороолор, таш текчелер жасалып, аларга койдун, уйдун эти, идиштер коюлган. Аза күтүү ашына катышкандар азыктардын калдыктарын ошондой ороочолорго калтырып кетишкен. Мындай кыркаарлар кабырлардын, топурак бейиттердин жанынан, а кээде көрүстөндөрдөн алда канча окчун жерлерден жолугат. Аталган эстеликтерден кез-кезде чоң адамдардын өрттөлүп жана өрттөлбөй көмүлгөн мүрзөлөрү, идиштерге салынган улкандар, балдардын кабырлары учурай калат. Алардын айрымдары, божомолго ылайык, курмандыкка чалынгандар болушу ыктымал. Таш алдына корумдалып көмүлгөн бейиттерди да мына ушундай объекттерге кошууга болот.

Чаа-тас доорундагы, VI–VIII кк. кыргыз маданиятынын эстеликтери да ар түрдүү келет. Алардын ичинде кеңири таралганы таш коргондор – чаа-тастар болуп саналат. Чаа-тас коргондору таш плиталар менен урулган чарчы, төгөрөк дубал менен айланта тосулуп, кээде эшик чыгарылып жасалган. Алардын ороолору да төгөрөк, чарчылама түрүндө казылып, тегерете дубал менен капталып, үстү чабак жыгачтар менен бастырмаланган. Коргондорду бойлотуп, айланта тосундар коюлган. Чаа-тастарды белгилүү өлчөмдө казанактардын жөнөкөйлөштүрүлгөн архитектурасы деп эсептөөгө болот, болгону аны тигинен орнотулган тосундары айырмалап турат. Чаа-тастардын негизги кабырларына өлгөн адамдардын күйгүзүлгөн сөөктөрүн бирден-үчтөн топ-топ кылып чогултуп, ага кошуп уйдун этин, идиш-аяктарды, анын ичинде «кыргыз вазаларын», оңко-картыктарды, курал-жарак, ат жабдыктарды ж.б. буюмдарды коюшкан. Мындай коргондор бир эле мезгилде тургузулуп толтурулган. Алардын түзүлүшүнөн өлүк көмүү жана аза күтүү каадасына байланышкан жөрөлгөлөрдүн айкалышын көрүүгө болот, таштык доорунда андай ырасымдар өз-өзүнчө жасалган.

Чаа-тас коргондорунун айланасынан карапайым мүрзөлөр, балдардын жана өспүрүмдөрдүн бейиттери көп жолугат, аларда өрттөлгөн адамдын күлү карапа идиштерге, жыгач оңколорго, таш кутуларга көмүлгөн; балдар жана өспүрүмдөрдүн сөөктөрү кой эттери салынган карапа идиштери менен бирге көмүлгөн. Социалдык жана жаш курак жагынан мындай ажырымдын белгиси таштык маданиятынын тепсей мезгилиндеги эстеликтерден да байкалат.

Кыргыз көрүстөндөрү чаа-тастарда эч кандай буюму жок, же болсо да өтө жупуну мүнөздө көмүлгөн кишилердин бейиттери аз учурайт. Мындай кабырлар кыргыз коомунун социалдык жактан көз каранды абалда турган катмарына – кыштымдарга тиешелүү деп эсептелинет. Таштык дооруна мүнөздүү табылгалардын арасынан мындай эстеликтер кезиккен эмес, мунун өзү ал кездеги социалдык мамилелердин деңгээли башкача болгондугун билдирет.

Таштык жана кыргыз маданиятынын инвентардык комплекстери бири-биринен олуттуу түрдө айырмаланат. Бул болсо алардын ар бири ар башка баскычта турганын ырастайт. Кээ бир адистер кыргыздардын карапа идиштерин тепсей мезгилиндеги картык жана казан сымак идиштерге түспөлдөштүрүп жүрүшкөнүнө карабай, алардын чындыгында болор-болбос гана окшоштуктары бар.

Сыягы, кыргыздардын карапа жасоо өнөрүнө Борбордук Азиядагы өнүккөн карапа өндүрүшү күчтүү таасир тийгизген деп эсептеген изилдөөчүлөрдүн пикирине акыйкат бар өңдөнөт, ошентсе да, таштык дооруна салыштырганда кыйла айырмалуу белгилерге ээ болгон кыргыз карапасынын бөтөнчөлүктөрүн ошол келгин формалардын таасири менен гана түшүндүрүүгө болбосо керек.

Балким, кыргыз доорунда идиш-аяк жасоонун негизги материалы катары чопо өз маанисин жогото баштаган чыгар. Анткени мындай көрүнүш эрте орто кылымдар доорундагы башка көчмөн маданияттарга да мүнөздүү болгон.

Курал-жарактардын түрлөрү, ат жабдыктардын, кемер-курлардын ж.б. буюмдардын жасалышы да таштык мезгилине салыштырганда олутту түрдө айырмаланат. Чаа-тас доорунда киселүү курлар, жылаажын тагылган, чынжырлуу ооздуктар, үзөңгүлөр, асемдүү ат жабдыктар, курал-жарактардын жаңы түрлөрү кыргыз көчмөндөрүнө кеңири тараган.

VII к. Энесайга байыркы түрктөрдүн руна сымал жазуусу келип кирген. Кыргыз маданиятында болуп өткөн көп сандаган жаңы жөрөлгөлөрдүн түп уңгусу таштык доорундагы маданияттан табылбайт, алардын көпчүлүгү кыргыздарга коңшулаш турган байыркы түрктөрдүн жана уйгурлардын көчмөн маданиятынан оошуп кирген. Таштык маданиятына жакындаткан окшоштуктар негизинен жаныбарлардын, өзгөчө жылкынын эки башы көрчөгөлөнүп, койдун сөлөкөтү сомолонуп, сыртынан алтын же күмүш жалатылган коло тумарлардын, жыгач бедиздерден гана көрүнөт. Жасалуу техникасы, стили жагынан, өз мезгилинде баарысы тең орто кылымдарга тиешелүү деп эсептелинген таштык жана кыргыз петроглифтери бири-бирине жакындашат. Ал эми эки маданияттын тамгаларында ич ара кандай алака бар экени азырынча айкын боло элек.

Ошентип, таштык жана кыргыз маданиятынын комплекстерин салыштырып көргөндө окшоштук белгилер көрүстөн курулуштарынын түзүлүшүндөгү айрым элементтерден, өлүк көмүү адатынын, кээ бир ыскат буюмдарына аска бетиндеги оюм-чийимдердин стилинен гана көрүнөт. Ал эми айырмачылыктары болсо эки маданият таралган бардык аймактардан, эстеликтердин курамынан, өлүк көмүү адатынын мүнөзүнөн, аза күтүү ырымдарынан, коомдун социалдык катмарларынан, инвентардык комплекстерден ачык байкалат. Эки маданияттын этнографиялык турпатында да олуттуу өзгөчөлүктөр бар. Мына ушулардын баары кыргыз маданияты таштык маданиятынан келип чыккан деген салтка айланган көз караштын тууралыгынан кезинде А.Н.Липский менен Э.Б.Вадецкаяны күмөнсүнткөн. Албетте, байкалып отурган айырмачылыктар бир жагынан бул эки маданияттын стадиялык мүнөзү эки башка баскычта турганы, кыргыз маданиятына караганда таштык маданияты кыйла обочолуу абалда болгону менен түшүндүрүлөт, мунун тескерисинче, кыргыз маданияты байыркы түрк көчмөндөрү менен кеңири байланышта турган. Каганаттардын тушунда, өзгөчө VIII к. башталышында Миң-Өзөн ойдуңуна Тон-йокуктун, Могиляндын жана Күл-тегиндин жортуул жасап, байыркы түрк көчмөндөрүнүн айрым тайпалары көчүрүлүп келген мезгилдерде кыргыздар алардын саясий жана маданий таасирине кабылышкан.

Андан кийинки доорлордо уйгурлардын таасири астында жана IX к. кыргыздар өздөрү бүткүл Борбордук Азияга ээлик кылып турганда кыргыз маданиятынын түркий көрөңгөсү ого бетер күч алган.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗ ЭТНОСУНУН ЧАРБАЛЫК ТИБИ

Энесайлык кыргыздардын маданиятын тарыхыйархеологиялык жактан иликтеп-изилдөө иштери адеп башталгандан тартып эле алардын чарбачылыгы менен тиричилиги кандай мүнөздө болгон, аны чарбалык маданияттын кайсы түрүнө кошсо болот деген маселе көпчүлүк эмгектерде айныбай талдоого алынып келатат. XIX к. экинчи жарымында жана XX к. башталышында орто кылымдардагы эстеликтер кыргыз маданияты менен болжолдуу түрдө жалгаштырылып, бирок жетерлик негизде сыпатталбай, ошондон улам күмөн-күдүк туудуруп жүргөн кезде кыргыздардын чарбалык иш-аракетин мүнөздөө үчүн адистер тарыхый жазма даректердеги маалыматтарга, этнографиялык байкоолорго таянышкан. Бул маалыматтардын үзүл-кесил мүнөзүнө карабай белгилүү бир илимий тыянакка келүү үчүн алар кадимкидей огожо боло алат.

Миң-Өзөн ойдуңунда жүргүзүлгөн археологиялык иштеринин жыйынтыгын чыгарып жатып В.Радлов минтип жазган: «Биз, калыбы бул жерде тукилерди, хакастарды жана уйгурларды, кытайлар жазып көрсөткөндөй, нукура көчмөн элдин изине туш келген өңдөнөбүз». Коло доорундагы «бейкутчул» уруулардан айырмаланып, кыргыздар «коңшуларына качырып тийип кол салып, алардын баарынын үшүн алып, үрөйүн учуруп турган жоокер эл» болгон. В.Радловдун соңунан А. Клеменц кыргыз деген ат менен тарыхтын «сахнасына ат жалында ойногон жоокер эл чыкты» деп ырастаган.

Өз учурунда, И.П.Кузнецов-Красноярский көчмөн малчылыктын табигый-географиялык шарттары менен мүмкүнчүлүгүн мүнөздөп келип, көчмөн кыргыздар «… Энесай губерниясынан кыйла түштүгүрөөк, балким, Танну-Ола жана Түштүк Алтай тоо кыркаларынын ортосунда жашап турган болуу керек» деп божомолдогон.

Кыргыздардын көчмөндүү мал чарбасы жана такай жер которуп, көчүп-конуп жүргөн жашоо ыңгайы тууралуу революцияга чейинки тарыхнаамада калыптанып калган пикирлер кыргыздарда мал чарбасы менен бирге эле дыйканчылыктын да жышаандары болгонун кабарлаган жазуу булактарындагы карама-каршылыктуу маалыматтарды этибарга албай, аларды белгилүү өлчөмдө танып келген.

Ошондуктан ал маалыматтарды XX к. 20-жж. жазылган эмгектерде илимпоздор ар түрдүүчө түшүндүрүшкөн. Н.Н.Козьмин оригиналдуу концепцияны сунуш кылган, ага ылайык, каралып жаткан мезгилде Энесайдагы «түрк урууларынын үч тайпасын: 1) туба (уйгур) – аңчылар, кул-кутандар (йыш-кизи), 2) хакас (чыныгы түрктөр) – жарым-жартылай аңчылык, жарым-жартылай дыйканчылык кылып жашагандар жана 3) кыргыз – талаа-түздү байырлаган малчылар – деп бөлүп көрсөтсө болот».

Г.Е.Грумм-Гржимайло маселени башкачараак чечмеледи. Анын пикири боюнча «кыргыздардын жашоосу жарым-жартылай отурукташкан мүнөздө болгон, кышында алар жыгачтан тургузулуп, кайыңдын кабыгы менен жабылган кепелерде, жайкысын болсо алачыктарда (боз үйлөрдө) жашашкан». Дыйканчылыктын жана жасалма сугаттын кыргыздардын чарбачылыгындагы ролун мүнөздөөдө ал Тывада табылган материалдарга негизделген.

Аталган маселе боюнча кытай жана араб-фарсы жазуу булактарынын маалыматтарын келтирип, В.В.Бартольд ушул пикирге жакын көз карашта турган.

1920-жж. С.А.Теплоухов Миң-Өзөндөгү археологиялык маалыматтардын жалпы дүң жыйындысынан кыргыздардын эстеликтерин өзүнчө ажыратып, санжаптап бөлүштүрүп чыкты. Ошонун натыйжасында кыргыз этносунун чарбалык-маданий тибин талдоодо археологиялык материалдарды пайдаланууга мүмкүндүк ачылды. Бирок автор өзү проблемага кайрылган эмес.

Жазуу булактарына жана археологиялык табылгаларга негизденип кыргыз этносунун чарбалык маданий тиби жөнүндөгү маселени чечүүнүн мындай аракети тажрыйбада биринчи жолу С.В.Киселевдун, Л.А.Евтюхованын, В.П.Левашованын 1930–40-жж. жарык көргөн эмгектеринде жасалды. Мындай кеңири кызыгуудан согуш башталар алдындагы он жылдыкта археологдор активдүүлүк менен өздөштүрө баштаган методологиялык жаңы усулдар көрүндү.

Аталган авторлордун баары тең өздөрү жүргүзгөн казуу иштеринин натыйжасында алынган маалыматтарды абдан кеңири пайдаланышты. Алсак, кыргыз доорунда дыйканчылыктын жана кол өнөрчүлүктүн мааниси улам барган сайын жогорулап өсүп отурганын белгилөө менен бирге В.П.Левашова, баары бир, Кыргыз кагандыгын «көчмөндөрдүн жапан мамлекети» катары мүнөздөдү. Анын соңунан Л.А.Евтюхова кыргыздардын чарба иштеринин ар түрдүү тармактарына баа берүүдө дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүктүн, аңчылыктын ролун белгилеп келип, ал Тан доорундагы кытай хроникачыларынын маалыматтарына жана археологиялык табылгаларга таянуу менен «кыргыздардын чарбачылыгында көчмөн малчылык эң маанилүү ролду ойногон» деп тыянак чыгарды. С.В.Киселев болсо «кыргыз доорунда калктын тиричилиги өзүнө мүнөздүү бөтөнчөлүү болгон. Андан көчмөндүктүн белгилери айрыкча таасын көрүнгөн» деп эсептеген. Автор археологиялык материалдарды талдоого жана жазуу булактарындагы маалыматтарга таянган. Археолог сибирчилердин материалдарын негиз тутуп, А.Н.Бернштам да кыргыз коомун көчмөн коом деп баалаган.

Мына ошентип, 1950-жж. ортосуна карата ата мекендик тарыхнаамада белгилүү бир көз караш түптөлгөн, ага ылайык орто кылымдардагы кыргыз маданияты көчмөн малчыларга мүнөздүү маданият катары аныкталган. Ошол эле учурда Кыргыз кагандыгынын аймагында практикаланган чарбалык иштин башка түрлөрүн: дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүктүн, аңчылыктын жана балык уулоонун жаңыдан өнүгө баштаган формаларын тактапталдоо жагына да жетиштүү көңүл бурулган. Бир катар изилдөөчүлөр кыргыздардын ээлигине кирген жерлерди байырлаган ар кайсы этностук тайпаларга чарбачылыктын өзгөчө формалары мүнөздүү болгондугун көрсөттү. Кыргыздардын өздөрү болсо адаттагыдай эле көчмөн малчылар деп эсептелди. Мындай көз караш кыргыз этносунун маданий-чарбалык тиби тууралуу маселеге кайрылышкан көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде 1960–80-жж. чейин өз маанисин сактап келген. Кыргыздар көчмөн турмушта жашашканын А.О.Грач, Ө.Караев, М.П.Завитухина, Л.П.Потапов, П.Н.Павлов, Г.А.Фёдоров-Давыдов, С.М.Абрамзон, Н.А.Сердобов ж.б. айтышкан.

Бирок соңку он жылда жалпы кабыл алынган ушул көз караш менен бирге кыргыз маданияты отурукташкан дыйканчылык мүнөздө болгон деген пикирлер да пайда болду. Ал Л.Р.Кызласовдун эмгектеринде айрыкча кеңири өнүктүрүлдү. 1960-жж. башында жазгандай, автор дыйканчылык менен малчылык кыргыздардын дайым арпалышкан чарбалык иштеринин негизи болгон деп ырастады. Дыйканчылык деңгээли бийик өрүшкө жетишкенинен улам, Л.Р.Кызласовдун пикири боюнча, кыргыздар Борбордук Азиянын жана Сибирдин башка элдеринен айырмаланып турган. Кыргыз калкынын көпчүлүгү дыйканчылык менен күн көрүп, ал эми феодалдык төбөлдөрү «күтүрөгөн төрт түлүгү менен жайыт тандап, жер которуп, көчүп-конуп турмуш көргөн» кийинчерээк Л.Р.Кызласов кыргыз калкынын арасынан «төө жана майда мал-жандын күтүүгө ыңгайлашкан карапайым дыйкандардын жарым көчмөн мүнөздөгү чарбачылыгын» бөлүп чыгып, алар «жер айдап, эгин себүүгө жарабаган боз талааларда жана адыр-белестүү аймактарда жашашкан» деп көрсөттү.

Л.Р.Кызласовдун ырастоосуна ылайык, кыргыздар жерди соко менен айдап, өстөндөрдү казып, сугат ишин өздөштүрүшкөн, жер иштетүү менен арпалышкан дыйкандар «кыштак-кыштак болуп» жашашкан. Малчылыкта болсо «… бадачылар иштеген, мал короолордо, колдо багылган», бул «ал турсун кай бир учурларда интенсивдүү деңгээлге жеткен». Ырас, мындан тышкары «карапайым дыйкандардын жарым көчмөндүү чарбасы да болгон», ал эми «тоо-токойлуу жерлерде аңчылардын жана балыкчылардын алман төлөп туруучу уруулары» жашап турушкан.

Автор Энесайда «жер мамлекеттик жана жеке менчик түрүндө пайдаланылгандыктан», мамлекеттик монополиясы сатыкка эгин чыгарган товардык өндүрүш болгон деп божомол кылат.

Л.Н.Гумилев менен Д.Г.Савинов да кыргыздарды отурукташкан дыйкан эл катары аташат. «Кыргыздардын Борбордук Азиядан Энесайга «кетишин» жана Кыргыз мамлекетинин улуу дөөлөттүк доору кыска мөөнөткө созулганын авторлор атап айтканда дал ушуну менен түшүндүрөт, анткени дыйкан кыргыздар «Борбордук Азиянын талаа-түздөрүндө жана бөксө тоолорунда экономикалык базага ээ болгон эмес».

Кыргыздар салыштырмалуу түрдө көчмөн малчылардын маданий-чарбалык тибине таандык экендиги тууралуу божомолдор ушул эмгектин автору тарабынан бир нече жолу иликтелип жазылган.

Кыргыздардын негизги чарбалык иштеринен кабар берген жазуу булактары көп жана ар түрдүү. Айрыкча алардын мал чарбачылыгы жаатындагы маалыматтар өтө кеңири берилген. Мисалы, Тан доорундагы летопистерде кыргыздардын «жылкылары эттүү жана зор келишет, алардын мыктылары жер чапчып, ыргыштап турат. Төөлөрү менен уйлары бар, бирок уй менен кой мүрөл. Байкер дыйкандар бир нече миңдеп мал кармашат» деп айтылат. Кыргыздар «эт жеп, бээнин сүтүн ичишет», алардын өлкөсү «сууга жана жайытка бай».

Бул маалыматтардын тууралыгын мусулман санжыралары да ырасташат: «Хырхыздардын арабасы, койлору, уйлары менен жылкылары алардын (негизги) ыкыбалы болуп саналат. Алар булгундуу жерлерди, тулаңдуу (мээлүүн) төрлөрдү жана жашыл шалбааларды издеп, улам жер которуп көчүп-конуп жүрүшөт». Кыргыздар Тан империясынын сарайына айырбашташ үчүн маал-маалы менен жылкыларды айдап келип турушкандыктан, алар тууралуу кытай тарыхчылары кеңири маалымат жазып калтырышкан: «Алардын жылкылары асыл тукум жылкылар болгон; казатка чыкканда миниле тургандарын аргымак деп аташчу». Ошондой эле алар кыргыз жылкыларынын казанаттуу касиетин, асыл тукумдуулугун бийик баалап, «Лун-ю элине татыктуу, сай күлүктөр» деп баа беришкен.

Айрым изилдөөчүлөр кытай жазуу булактарындагы ушундай маалыматтарга таянып, кыргыздар жылкылардын ар түрдүү тукумдарын асырашса керек деп божомолдошот.

Дегинкиси, кыргыздар асырашкан мал-жандыктар төгүн жерден талоончул жортуулдардын башкы олжосу болбосо керек. Мисалы, уйгур каганы Кутлуг 795-ж. кыргыздардын жерине кол салып, талап алганда колго түшкөн олжолордун ичинде, «уйлар, жылкылар, койлор жер жайнап, эгин жана курал-жарак тоодой болуп үйүлгөнү» айтылат.

Ал эми кыргыздардын өздөрүнө таандык руна сымал саган-жазууларда алардын күтүрөгөн төрт түлүгү жайында экендиги тууралуу, мисалы, «менин алты миң жылкым», «эн салынган мал эсеп жеткис эле», «менин адеми артык үртүгүм, төрт миң жылкым» деген өңдүү сөздөр көп кезигет. Уйгурлардын жергесинде Йаглакар ханды өлтүргөн Бойла-Буйурук сыймыктанып мындай дейт: «Мен бай элем. Мал кармай турган он короом бар болчу. Менин малым эсеп жеткис көп эле». Мындан азыраак, 60, 600, 1000 жылкы кармаган малчылар да болгон.

Малчылык кыргыздардын чарбасында маанилүү орунда турганын археологиялык табылгалар да ырастайт. Кыргыздардын Кичи-Көпөн (Копён) казуу жайынан табылган материалдарды талдап көргөндө, майда мал-жандыктардын сөөктөрү басымдуулук (50–60%) кылган. Ушул эле жерден жылкынын да (25 жана 18%) сөөктөрү чыккан. Буга карап калктын көчүп-конуп мал багып, көчмөн турмуш менен күн өткөргөнүн ишенимдүү түрдө айтууга болот.

Мүрзөгө койдун куймулчак, кабырга этин, шыйрагын коюу кыргыздардын адаты болгон. Андай «устукандардын» саны кээде жетиден онго чейин жеткен. Ал тургай балдардын бейиттерине да төрттөн жетиге чейин «устукан» коюшкан. Мүрзөлөрдөн сейрек болсо да алтын же күмүш жалатылган каңылтырга (фольга) оролгон койдун сөлөкөттөрү – мүрөл малдын символу табылган. Кыргыздардын жер которуп, такай көчүп-конуп жүргөн турмушун азар-түмөн төрт түлүктүн саны гана турсун, алардын конуштаган жерлери, үйлөрүнүн түзүлүш-түспөлү да маалымдап турат.

1948-ж. эле Л.А.Евтюхова адилеттүү белгилегендей, «мал баккан кыргыз калкынын көпчүлүгү көчмөн турмушта жашагандыктан алар конуш кылган жатак жайлардын орду өтө эле аз табылат, андыктан андай кенттердин изин иликтөө кыйын». Андан бери кыргыздардын байыркы тарыхы жагында көп сандаган изилдөөлөр жүргүзүлдү, бирок абал жакшырып кеткен жок. Себеби, иликтенген конуш жайлардын көбү убактылуу, сезондуу мүнөздөгү кенттерге кирет. Алар негизинен малчы кыргыздардын жайкы жана кышкы конуштары гана болуп саналат. Андай жерлерден узак мезгилге эсептелген кандайдыр бир курулуштардын же туруктуу турак жайлардын орду байкалбайт. Убактылуу мындай конуштарда металл эритүү, андан буюм-теримдерди, үй тиричиликтин башка эмеректерин жасоо кол өнөрчүлүк мүнөздө, натуралдык чарбанын чектеринде жүргүзүлгөн ушундан улам темир эритилген очокторду, көөрүктөрдү «орто кылымдардагы заводдор» деп атаганга жана ага негизденип товардык өндүрүш болгон деп божомол жасаганга жетерлик жүйө жок.

Кыргыз доорундагы чептерди жана коргонуу курулуштарын изилдеп көргөндө алардын ордунда кубаттуу маданий катмар же кандайдыр бир башка имараттар болгондугу аныкталды. Демек, аларды согуш коркунучу туулганда жакын турган жака-белден көчмөн калк малжайы менен жыйылып келип, жашынып турар коңулга гана болгон деп эсептөөгө болот.

Анан калса чептердин айрымдары узак убакытка чейин коргонуш үчүн таптакыр ылайыксыз, калыбы, алар убактылуу гана баш калкалоо максатында тургузулса керек. Улуу дөөлөт доорунун тушунда кыргыз кагандары, балким башка көчмөн мамлекеттерди туурап, шаар куруу ишин жандандырууга аракет кылышкан чыгар, анын үстүнө минтип айтууга жазуу булактарындагы маалыматтар, ошондой эле Уйбат талаасындагы сокмо дубалдуу «сепилдин» табылгалары күбө боло алат. Бирок бул «сепилдин» качан тургузулгандыгы жана ал кандай кызмат аткарганы тууралуу изилдөө жумуштарынын тыянагын чыгарган материалдар толук жарыялангандан кийин гана бир жаңсыл кеп айтууга болот.

Кийиз менен жабылган боз үйлөр кыргыздардын негизги турагы болгон. «Алар боз үйлөрдө жана чатырларда жашашат…» деп маалымдайт «Худуд ал-алам».

Аны «Синь Таншу» да тастыктайт: «Ажонун турган жайы Кара тоодо. Анын өргөөсү мамылар менен курчалган. Кийиз жабылган чоң чатырдан куралган мындай үйдү «Мидичжи» деп коюшат. Калган башчылар андан кичирээк үйлөрдө турушат». Бул баянга караганда, кыргыз каганынын мусулман жазуу булактарында Кемжикет деп аталган конуш-жайын шаар катары көз алдыда элестетүү кыйын. Андан көрө муну жасактуу кошун ордосу деп айтуу туура болчудай.

Ал эми калган караламан кыргыздар жайына келсек, алардын «албетте, кыштагы да, шаары да жок болгон да, алардын баары чатырларда турушкан». Чатырлар тууралуу руна сымал тексттерде да эскертилет. Кыштоолордо көп бурчтуу үйлөрдү тургузушуп, үстүнө «кайыңдын кабыгын» төшөп жабышкан. Мына ошондуктан Л.Р.Кызласовдун «жер айдаган дыйкандар кыштак-кыштак болуп жашашкан» деген бүтүмү менен макул болуу кыйын.

Кыргыздар көчмөн малчылардын маданий-чарбалык тибине кирерин алардын Борбордук Азиянын башка көчмөндөрүнө, атап айтканда, байыркы түрктөр менен кимактарга мүнөздүү маданияттарга окшоп кеткен материалдык маданиятынын турпатына карап да боолголоого болот. Ошондуктан бардык адистер, анын ичинде Л.Р.Кызласовдун өзү да, кыргыздардын археологиялык комплекстерин Азиянын талаалуу аймактарындагы эстел ик терге салыштырып мүнөздөшөт. Материалдык, ошонд ой элу рухий маданияттын мындай өңдөштүгү, өзөкт өш түгү, албетте, ар түрдүү экономикалык базанын шартында болуу мүмкүн эмес эле.

Дыйканчылык кылууга ыңгайлуу мүмкүндүктөр жок болгондон улам кыргыздар Моңголияны таштап кетүүгө аргасыз болушкан деген жоромол кептин да кабыл аларлык жүйөсү жок, анткени кыргыздар басып киргенге чейин эле бул жерде уйгурлар жер иштетип күн көрүшчү. Тескерисинче кыргыздар кол салып кирип, Ордо-Балыкты жана ага жамаатташ аймактардын таш-талканын чыгарган соң, бул жерде дыйканчылык ишин жүргүзүүгө мүмкүн болбой калган.

Кыргыздардын сырткы саясий иштери аталган аймактагы бардык көчмөн мамлекеттерге мүнөздүү жөрөлгөлөргө ылайык жүргүзүлгөн. Борбордук Азияны басып алган соң алар Тан империясы менен алым-салым мамиледе болушкан. Улуу Жибек жолуна ээлик кылыш үчүн Чыгыш Түркстанды кол алдында кармап турушкан.

Мына ушул айтылгандардын баары кыргыздарды мал баккан көчмөн эл болгон деп эсептөө мүмкүндүк берет. XVII к. Энесайга орустар келген кезде да алар ушундай абалда болушкан. Кийин, XVIII к. башталышында Жуңгарияга ооп кетишет да, орустар отурукташып, жер айдап, дыйканчылык жандана баштайт. Мал баккан көчмөн элдин маданий-чарбалык уңгусу Ортоңку Энесайда дал мына ушинтип, акырындап отуруп жоюла баштаган.

Ошол эле учурда кыргыздардын ээлигине кирген жерлерде чарбалык иштин башка түрлөрүн жүргүзүшкөн уруулар жашаган. Атап айтканда, жазуу булактарында дыйканчылыктын эң жөнөкөй түрлөрү тууралуу ар түрдүүчө маалыматтар кезигет. Илимий адабияттарда бул маалыматтар кээде негизсиз эле андан-мындан табыла калган, сейрек учурай турган археологиялык материалдарга, мисалы, жер иштетүүчү шаймандарга жалгаштырылат да, мунун негизинде кыргыздар «өстөндөрдү казып, сугат ишин өркүндөтүшкөн», ошондон улам «дыйканчылыктын жайкын өрүшүнө жетишкен» деп бүтүм чыгара салынат.

Кунт коюп териштире келгенде жазуу булактары мындай тыянактар үчүн жүйө бербейт. Бир кызык жери, бөтөн элдик санжырачылар кыргыздардын дыйканчылык иштери тууралуу кеңир кесири кеп салышканы менен руна сымал тексттерде андай маалыматтар өтө эле сейрек учурайт.

Ушундан улам Л.Р.Кызласовдун «мекен» маанисинде айтылган «Йер-Суб» (жер жана суу) деген сөз айкашын дыйканчылык тууралуу кабарлаган маалымат катары түшүндүрүп отурганы орунсуз эле иштей көрүнөт. Өзүн түрколог деп эсептеген изилдөөчү «мекен» жана «менин ээлигимдеги жер» деген түшүнүктөрдүн айырмасын так билгени абзел го. Анан калса кыргыздар тууралуу жазган чыгыш летописчилери дыйканчылык, аңчылык жөнүндөгү маалыматтарга кыргыздар тууралуу эле эмес, кыргыз кыштымдары тууралуу кабарларды да кийиргенин эске алуу керек.

Энесайда дыйканчылыктын эң жөнөкөй түрлөрү орустар келген кезге чейин деле Миң-Өзөн ойдуңунун чет-жакаларында жашашкан кыштымдарда сакталып калгандыгы белгилүү. Көчмөн коомдун өзүндө болсо седентаризациялык процесстердин натыйжасында калктын жакыр-бакыр жамааты мал-мүлкүнөн ажырап, көчмөн чарбасынан сүрүлүп чыгып турган да, отурукташып, жер иштетүүгө өткөн. Көчмөн коомдун ийкемдүү мүнөзү, тезтез болуп турган уруш-талаштар андай жакырларга оңтою келе калганда кайрадан мал күтүп, көнүмүш көчмөн турмушка өтүү үчүн дале болсо шарт түзүп турган.

Андыктан дыйканчылык кыргыздарга жүздөгөн жылдар бою өкүм сүргөнүнө карабастан, узак мезгилдерге чейин сакталып калгыдай туруктуу конуш-жайлары болбогондуктан эч кандай из калбагандыгын дал ушундай себептер менен түшүндүрүүгө болот.

К.Ураи-Кехальминин пикири боюнча көчмөндөрдүн мамлекети адатта мал багып, көчүп-конуп жүргөн тайпаларды баш коштуруу көмөкчү жер чарбасын жана мээнети күч аңчылык ишти экономикалык бир организмге бириктирип, негизинен талаа-түздөр менен чер-токойлор тогошкон аймактарда түптөлүп түзүлөт. Алгачкы көчмөн мамлекеттери адеп түзүлө баштаган мындай аймактар үчүн маданий мындай катмарга ээ болбогон, тек гана, «кампа же согуштук жаңжалдардын, кагылышуулардын маалында жашынып, коргоно турган жай катары кызмат аткарган чакан чептер» мүнөздүү көрүнүш болуп саналат.

Мындай кырдаал кыргыздардын тарыхында чаа-тас доорунда болгон: мамлекеттүүлүк жаңыдан түптөлүп, коргонуучу чептер салынып, малчылык үстөмдүк абалга жетип, жакырданган кыргыздар менен кыштымдар жер иштетип, эгин айдап оокат кылышкан.

Улуу дөөлөттүк доордо абал өзгөрдү. Кыргыз кагандары башка көчмөндөрдүн жашоо ыңгайларын үйрөнүп, алык-салыктарды арбын алыш үчүн дыйканчылыктын чектерин көбөйтүү максатында коңшулаш же алыскы өлкөлөрдөн жер иштетүүчү шаймандарды алдырышса керек. Бирок андай аракеттер оңунан чыккан эмес. Ошондон улам кыргыздар дээрлик XVIII к. дейре өздөрүнүн көнүмүш чарбалык маданиятын айныбай сактап келишкен. Жасалма сугат иштеринин издерине иликтөө салып, В.Н.Федоров орто кылымдарда Миң-Өзөн ойдуңунда жашаган «көчмөн жана жарым көчмөндүү» калктын экономикасында дыйканчылык мал чарбачылыгы же аңчылык сыяктуу чоң мааниге ээ болгон эмес, ал эми сугат өстөндөрү болсо жайыттарга ным берүү жана төрт түлүктү сугаруу үчүн курулган деген тыянакка келген. Ал турсун XVIII к. кыргыздар Энесайдан кетип, МиңӨзөн аймагы Россиянын карамагына өткөндөн кийин деле жергиликтүү тургун калктын чейрек бөлүгүнө жакыны гана дыйканчылык кылышкан.

Көчмөн кыргыздардын чарбалык турмушунда ири ача туяктууларга: эликке, изюбрга, аргалиге аңчылык кылуу маанилүү ролду ойногон. Бул тууралуу жазуу булактарында айтылат жана петроглифтердеги сүрөттөрдө баяндалат. Жапайы жандыктарга ат коюп, тайган салып, жаа тартып, жебе менен мергенчилик кылышкан.

Чер токойлуу аймактарды байырлаган кыштымдар болсо негизинен териси баалуу айбандарга аңчылык кылып, кыргыздарга «суур жана кундуз» жөнөтүп, салык төлөп турушкан. Аң терилери жыпар, хуту (бугунун) мүйүзү жана жылкы сыяктуу эле экспорттун маанилүү предмети болгон.

Соода-сатык иштеринин, талоончул согуштардын аркасында чет жактардан кыргыздарга асемдүү куралжарактар, адеми идиштер, кездемелер, тыйындар, башка жасалгалар түшүп турган. Борбордук Азияда Кыргыз мамлекети өкүм сүрүп турган мезгилде кербен соодасы согду көпөстөрүнүн колунда болчу.

Жазуу булактарындагы маалыматтарга караганда 20–24 төөдөн турган кербендер Энесайга эки айлык жол басып, үч жылда бир келип турган. Тан империясы менен да жылкыларын айдап келген кыргыздар сейрек соодасатык кылышкан. Кыргыздар Борбордук Азияны басып алышкандан кийин гана дыйканчылыгы өнүккөн өлкөлөр менен алыш-бериш мамилелери бир кыйла жанданган. Энесайдан табылган чет жерлик буюмдардын жана тыйындардын көпчүлүгү дал ушул мезгилге туура келгени кокусунан эмес. Кыргыз кагандыгынын чектеринде акча жүгүртүүдө Ыраакы Чыгыштын тыйындары колдонулган деген пикирлер бар, муну айрым тыйындарга руна сымал алфавит менен чегеленип түшүрүлгөн жазуулар да ырастап турат.

Мына ошентип, жогоруда айтылган жазуу булактарындагы маалыматтарга жана археологиялык материалдарга иликтеп талдоо жүргүзүү кыргыздарды көчмөн малчылардын маданий-чарбалык тибине кошууга болот. Кыргыз мамлекетинин территориясында аңчылар менен дыйкандардын көчмөн малчылар менен тыгыз экономикалык байланышта турган башка да маданий-чарбалык типтери болгон.

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯСЫ

Энесай кыргыздарына таандык эстеликтерди түркүмдөргө ажыратып жатып С.А.Теплоухов б.з. I миң жылдыгынын экинчи жарымынан тартып II миң жылдыктын башталышына чейинки көрүстөндөрдүн тайпасын бөлүп көрсөткөн болчу. Атап айтканда, V–VII кк. таандык «таш коргондор» – чаа-тастар менен бирге VII к. тиешелүү жылкысы кошо көмүлгөн «жалгыз өлүктүү коргондор» жана «VIII–X кк. жылкысы кошо көмүлгөн же жылкысы жок, аралаш таш коргондор» бөлүп көрсөтүлгөн. Ар түрдүү торевтикалык предметтер, «согдиялыктардан оошуп өткөн орхон жазуусунун алфавити», таштан чегилген буюмдар дал ушул мезгилге туура келет деп аныкталган. Жалгыздап өлүк көмүлгөн «жалпак мүрзөлөрдү» XI–XII кк. ал эми топурак бейиттерди XIII–XIV кк. тогоштурган. Маданият эволюциясы тууралуу С.А.Теплоухов түздөн-түз эч нерсе айткан эмес, бирок бул хронологиялык тайпаларды белгилүү тарыхый окуялар менен байланыштырып, жергиликтүү маданият сырткы таасирлерге туш болгонун, атап айтканда, «VIII к. кыргыздарды түрктөрдүн каратып алышын, Кытай менен болгон карым-катнаштарды, VIII к. уйгурлардын басып киришин, IX–X кк. кыргыздардын Борбордук Азияга ээлик кылышын» көрсөткөн. Автордун ой-пикирине караганда, окуялар кыргыз маданиятынын VII–X кк. өзгөрүүлөргө учурашына себепчи болгон.

Кийинчерээк кыргыздардын байыркы эстеликтерин санжаптап системалаштыруу ишине Л.А.Евтюхова киришкен. Ал орто кылымдардагы көрүстөндөрдүн 4 тибин бөлүп көрсөткөн. Чаа-тастар менен өлүк өрттөлүп көмүлгөн чакан таш коргондорду VI–VIII кк. өлүк өрттөлүп же өрттөлбөй көмүлгөн «узун кууш мүрзөлөрдү» VIII–IX кк. өлүк менен кошо жылкы көмүлгөн көрүстөндөрдү – IX к. таандык кылган. Л.А.Евтюхованын божомолдорунда IX  к. кыргыздардын өлүк көмүү салты өзгөрүп, кремациядан иншумацияга өтүшкөн.

Көрүстөндөрдүн белгиленген бардык ушул түрлөрүндө жолукчу буюм турмандарды ал хронологиялык жактан ирээттеп чыккан эмес, анткени андай предметтер бирде VII–VIII кк. мүнөздүү буюм-тайымдарга кирсе, бирде «IX–X кк. жаңы формаларга» тийиштүү болуп турат. С.В.Киселев болсо чаа-тастар менен «караламан калк» бейиттери VI–VIII кк., ал эми жылкысы кошо көмүлгөн көрүстөндөр менен өлүк өрттөөнүн архаикалык ырым-жырымы боюнча коюлган байкерилердин бейиттери IX–X кк. туура келет деп эсептеген. Алардагы буюм турмандар жалпы жонунан гана мүнөздөлгөн, бирок айрым учурларда автор VI–VIII кк. үч кырдуу жебелерди, анын ою боюнча IX–X кк. жасалган жалпак жебелерге карама-каршы коёт, торевтикадагы «көпөндүк стилди» кийинки «тюхтяттык стилге» карама-каршы коет.

Энесайда иш жүргүзгөн В.Г.Гарцов менен В.П.Левашова өңдүү изилдөөчүлөр бул материалдарды орто кылымдар мезгилинен айрым бир хронологиялык этаптарды бөлүп көрсөтүшпөстөн, жалпы жонунан гана баяндап жазышкан. Кийинчерээк В.П.Левашова «кыргыз-хакастар» IX  к. жылкысын кошуп өлүк көмүү салтына өтүшкөн деген көз карашты колдоп чыккан.

Кыргыз маданиятынын эволюциясы жөнүндөгү көз караштарда 50–60-жж. олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Буга Тывадагы кыргыз эстеликтерин казып изилдөөнүн натыйжасында алынган маалыматтар түрткү болду. МиңӨзөн ойдуңундагы казуулардан да айрым жаңы маалыматтар табылды. Ушуга байланыштуу Л.Р.Кызласов чаатастардын доорун X к. чейин узартып, кайрадан тактап чыгууну сунуш кылды. Тывада табылган материалдарга таянып, ал кыргыз маданиятын эки мезгилге IX – X кк. жана XI–XII  кк. бөлүштүрдү. Тывадагы көрүстөн дөбөлөрдү кыргыздарга ыйгарган көз карашты С.И. Вайнштейн, А.Д.Грач, Д.Г.Савиновдор колдоп чыгышты. XI–XII  кк. эстеликтердин кыргыздарга таандык экени адегенде шектенүүнү туудурган эле. XI–XII кк. кыргыз маданиятынан эки мезгилди: «миң-өзөн» жана «тыва» доорун ажырымдоо керек деген ой Д.Г.Савиновго таандык.

70-жж. экинчи жарымында Л.Р.Кызласов кыргыздардын байыркы тарыхын бири-бирине куйрук улаш өнүккөн өз алдынча үч маданиятка: чаа-тас – V–IX кк., тюхтят – IX к. – XII к. ортосу, аскиз – X–XIV кк. маданиятын бөлүүнү сунуш кылган. Көрүнүп тургандай, аталган «маданияттардын» хронологиясы баштагы көз караштарга караганда эч кандай аргументтештирүүсүз эле бир кыйла өзгөртүүгө учураган. Ал периодизацияны И.Р.Кызласов активдүү колдоого алып, X–XII кк. эстеликтерди аскиз маданиятынын «малинов» этабы, ал эми XIII–XIV кк. таандык эстеликтерди болсо «камен» этабы деп атоо тууралуу сунуш киргизилди. Андан соң «малинов этабынын» өзү эйлиг-хем, оглахтин жана чернов деп аталган үч мезгилге бөлүштүрүлдү, анан «малинов этабынын» чектери XIII к. башталышына сүрүлүп ташталды. 80-жж. башында Л.Р.Кызласов кыргыздардын байыркы тарыхын хронологиялык жактан бытыратып, келки-келки кылып майдалоону кайрадан улантты. Атап айтканда, чаа-тас маданиятын VI–VII кк. – утин жана VIII к. – IX к. биринчи жарымы – көпөн доору деп эки этапка бөлүүнү сунуш кылды.

Бир катар изилдөөчүлөр Л.Р.Кызласовдун кыргыздардын байыркы тарыхын эки маданиятка ажыраткан баштапкы схемасын туура табышып, ага өздөрүнүн варианттарын кошумчалашты. Мисалы, Я.И.Сунчугашев кыргыздардын эстеликтерин VI–IX жана VIII–XII кк. ажыратып бөлүп чыкты. М.П.Грязнов болсо «чаа-тас» – V–IX кк. жана «аскиз» – X–XII кк. маданияттарын «кыргыз доорунун» чектеринде бириктирип чыгууну сунуш кылды. Г.В.Длужневская кыргыздардын Тывадагы X к. эстеликтери «аскиз» маданиятына оошуп өтөт деп божомол жасады. Кийинчерээк ал Тывадагы кыргыз маданиятын бир нече майда түркүмгө бөлүштүрүп, алардын ар бири үчүн өзүнчө мезгилди сунуш кылды. Анын көз карашы боюнча, «тюхтят асеминдеги» коло торевтикасы менен X–XI кк. «аскиз тейиндеги» темир торевтикасы Тывада жанаша жашап турган да, кыргыздардын ар түрдүү тайпаларына таандык болгон, анын үстүнө «тюхтят асеми» Саян-Алтай калкына кидандардан оошуп өткөн.

Г.В.Длужневская болсо Энесайлык кыргыздардын археологиялык маданияттарынын аталыштарын тактоого арналган атайын эмгек жазган. Анда автор периодизация маселесин кыргыздардын Миң-Өзөн ойдуңундагы көрүстөн эстеликтерин изилдөөнүн натыйжасында алынган маалыматтарга таянып карап чыккан. Булардан башка кыргыздардын Монголияга, Байкалдын атрабына, Батыш Сибирге чейин жеткен издери иликтенип, ал тууралуу маалыматтар атайын талдоого алынган. Мына ошентип, хронологиялык чектер, аларды мезгилдерге ажыратуу маселелерин, кыргыз этносунун маданий тегин, маданий-чарбалык тибин аныктап, бир жаңсыл кылып тактап алуу үчүн изилдөөнүн объектиси катары Миң-Өзөн ойдуңунун түштүгүндөгү Табат дарыясынын бир өрөөнү тандалып алынды, анткени бул жерде кыргыздардын эстеликтери ачык мейкин үстүндө, бирине бири жакын, жыш жайгашкан.

Кылдат иликтенип, кылчыпкадан өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары кыргыздардын байыркы маданий тарыхын өз-өзүнчө обочолонгон маданияттарга ажыратуунун алгылыксыздыгын далилдеди, бир нече он жылдыктарга чейин жеткирилип, «такталган хронологиянын» жарамсыздыгын көрсөттү. Кыргыз жана таштык маданияттарынын материалдары аларды полихром стилинде жасалган торевтикалык предметтерге негизделген чыгыш европалык байыркы дүйнөнүн тараза ташы менен өлчөпченеп, убактысын, мезгилин аныктоо үчүн таптакыр негиз бербейт. Энесайда Знаменский көрүстөн казынасынан башка андай буюмдар жок, бирок анын да маданий текжааты азырынча ачык тактала элек.

Кыргыз маданиятына тиешелүү көптөгөн комплекстердин абсолюттук мезгил чектери аналогияларга негизделет жана белгилүү тарыхый окуялар менен тамырлаш. Мисалы, руна сымал жазуулар түшүрүлгөн предметтердин мезгилин бир кыйла ишенимдүү деп айтууга болот, анткени бул жазууну Энесайга VIII к. башталышында түрктөр алып келиши ыктымал. Ошондой эле IX к. кыргыздардын таш коргондору Тывага тарай баштаган мезгилди саяналтайдын байыркы тарыхы үчүн маанилүү хронологиялык чек катары эсептөө абзел.

Комплекстердин белгилүү бир бөлүгүн монгол доору менен даталоо жалпы кабыл алынган пикирге жатат, анткени алардын курамынан төрт чарчы келген монгол жазуусу түшүрүлгөн буюм-туюмдар табылган. Айрым кыргыз комплекстеринде ар кайсы сулалелердин тушунда Ыраакы Чыгышта колдонулган тыйындар жолугат. Мына ошондуктан кыргыздардын байыркы дооруна карата азыр колдонулуп жүргөн мезгилдештирүү усулун кыргыз маданиятынын эволюциясындагы урунттуу учурларды аныктоо үчүн да толук өлчөмдө колдонсок болот. Бирок соңку орто кылымдар мезгили жөнүндөгү керектүү маалымат-даректердин жоктугу бул периодизациядагы олуттуу өксүк бойдон калууда, арийне, андай маалыматтарды иликтепизилдөөдөн азырынча жарытылуу майнап чыга элек.

Бул болсо XVIII к. башталышында кыргыз маданияты Миң-Өзөн ойдуңунан сүрүлүп чыккан мезгилге чейинки анын эволюциясына байкоо салып, аңтарып чыгуунун мүмкүнчүлүгүн чектейт. Андыктан, айла канча, кыргыз маданиятында болуп өткөн өзгөрүүлөрдү талдоого алуу менен, бул жолу да эрте жана өнүккөн орто кылымдар мезгили менен, т.а. б.з. VI кылымынан XIV к. чейинки аралык менен гана чектелүүгө туура келет. Каралып жаткан мезгил аралыгында кыргыз маданиятынын тейтурпатын ички жана тышкы себептердин таасири астында бир канча жолу олуттуу түрдө өзгөртүүгө учурап турган. Андай өзгөрүүлөрдүн ар бири хронологиялык жактан белгилүү бир мезгил тилкесине дал келип, ошол маал үчүн бир кыйла мүнөздүү келген эстеликтердин тибине, же болбосо кыргыздардын материалдык маданиятына изин калтырып, эн тамгасын түшүргөн бир кыйла маанилүү тарыхый окуяларга туура келген.

Ошондой бурулуш учурлардын бири – «чаа-тас» доору. Ал б.з. VI–VIII кк. таандык эстеликтердин мүнөздүү жалпы белгилерине ылайык ушундайча аталат. Чаа-тас доорундагы кыргыз маданиятына көп түрдүү жана бараандуу маданий элементтер мүнөздүү. Алардын ичинен көбүрөөк изилденип, жетиштүү түрдө иликтенгени – чаа-тас деп аталган көрүстөн эстеликтери болуп саналат. Аларга түзүлүшү жагынан татаал таш турбаттардан, анчалык чоң эмес «жөнөкөй» таш корумдардан, топурак бейиттерден, символикалуу саганалардан – кенотафтардан турган эстеликтер кирет. Саян бөксө тоосунан тарта Чулым дарыясынын башатына чейин бүткүл Миң-Өзөн ойдуңунун аймактарына таралган бул эстеликтер кыргыз маданиятынын VI–VIII  кк. чектерин бир чөлкөмгө бириктирип турат.

Чаа-тас коргондору XVIII к. эле окумуштуулардын назарын бурган бир кыйла белгилүү эстеликтер болуп саналган. Бул көрүстөн объекттери чарчы, тик бурчтук түрүндө, көп кырдуу, тегерете таш плиталар менен кынапталып тургузулган. Дубалдын сырткы бетинен анчалык алыс эмес аралыкта тигинен ноолу тосундар орнотулган. Тагар доорундагы ноолу тосундардан айырмаланып алар дубалга бириктирилген эмес, ошондуктан мезгил өткөн сайын ар кайсы жакты карап, кыйшайып оой берген. Бул болсо кыргыз көрүстөндөрүнө өзгөчөлүү түр берип, ошого жараша жергиликтүү калк аларды «чаа-тас», «оба», «кезе» деп атап калган. Ошол мезгилдеги көпчүлүк көрүстөндөрдүн энчилүү аталыштары да болгон: «Чаа-тас», «Обалыхбиль», «Кеп-Обалар», «Кеп-Кезе», «Кезээлиг-хол» ж.б.

Бир кыйла чоң коргондордо жуп ноолу тосундар тегерете тосулган дубалдардын сыртына «босого» өңдөнтүп орнотулган. Таш турбаттардын чен-өлчөмү ар түрдүү келет, урандылардын кырдалган төрткүлдөрүнүн диаметри 5тен 40 м чейин жетет, бийиктиги болсо 0,3–1,3 м чамалап барат. Дубалдын ичине тегерек, чарчы жана тик бурчтук формасында көр казылып, анын үстү таш плиталар менен жабылган. Ар бир таш турбатта бирден, кээде экиден кабыр болгон. Кабырдын капшыттарын жыгач мамылар менен кыдырата кынаптап тосуп, үстүн тосундап жаап, аны кабырдын ортосуна кагылган түркүк менен тиретип коюшкан. Өлгөн адамдын өрттөлгөн сөөктөрүн чогултуп (1–3 үйүм), ага кошуп койдун 4төн 17ге чейин устукандарын, суюк оокат куюлган идиштерди кабырдын түпкүрүнө коюшкан. Маркумдардын жасат күлү идиштерге, жыгач кутуларга, кездемеден же териден тигилген баштыктарга салынып көмүлгөн. Айрым көрүстөндөрдө кабырлардын четирээк жерлерге жана корумдалган төрткүлдөрдүн түбүнө казанактар оюлуп, аларга баалу буюмдар, адеми идиштер, ат жабдыктары, курал-жарактар, кооздук-жасалгалар катылган. Жүгөндүн ооздугу, таралга, күрөк, соко тиш, балка ж.б.у.с. металл предметтер түз эле корумдалган төрткүлдөрдүн арасынан жолугат.

Чаа-тастардын баары эле ыскат казынасы, түзүлүшү жана көлөмү жагынан бирдей эмес, алардын арасында «жардылары» бар, башка жактарынан да бири-биринен айырмаланып турушат. Бирок, эреже катары, алардын баары кыргыз коомунун ак сөөктөр жамаатына, «уруу билермандарына», айтор социалдык жогорку тектин өкүлдөрүнө тиешелүү болгон деп эсептелинип жүрөт. Анын үстүнө мезгили боюнча бир доорго кирген көрүстөн эстеликтеринин арасынан алар көп сандаган башка жөнөкөй бейиттерге караганда аз санда кезигет.

Өлүктү өрттөп көмгөн андай жөнөкөй мүрзөлөр анчалык чоң эмес, тегерек формасында тургузулган, диаметри 1–6 м бийиктиги 0,1–0,5 м жеткен таш коргондордун төрткүлдөрүнөн, чаа-тастардын корумдарынан жана топурак үйүлгөн кабырлардан табылат. Маркумдардын жасаат күлүн керамикалык идиштерге, кайыңдын кабыгынан жасалган кутуларга, жыгач жана таш кутуларга, кездемеден тигилген баштыктарга салып көмүшкөн. Айрым бир мүрзөлөрдө ички дубалдары жыгач мамылар менен кынапталып, чанда бирөөлөрүнүкү болсо таш плиталар менен тосулган. Негизинен аларда өрттөлгөн сөөктөрдүн бирден, экиден гана чогундусу чыгат. Ыскат үчүн коюлган буюм-турмандар, койдун эти жана идиш-аяктар көп учурда жолукпайт.

Кыргыздар балдарды жана өспүрүмдөрдү жаш курагына жараша ар түрдүүчө кылып, бирок баарын ингумация адаты боюнча көмүшкөн. Алар диаметри 1,5 м бийиктиги 0,2 м келген чакан коргондордун, чаа-тастардын кырдалган корумдарынын алдына, топурак бейиттерге коюлган. Өлүктү көрдүн ортосуна жаткырып, үстүн плиталар менен жабышкан. Үч жашка чейинкилерди ыскатсыз же кээде 1–2 идиш-аяк кошуп көмүшсө, 3 жаштан 15 жашка чейинкилерди 2 идиш жана койдун эти менен коштоп көмүшкөн. Жалгыз эле өзү көмүлгөн балдардын мүрзөлөрү өтө сейрек кездешет. Кыргыздардын өлүк көмүү ырасымында жаш куракка байланышкан дифференциация кыйла эле ачык байкала турган болсо, аялдар менен эркектерди көмүүдө андай айырмачылыктар билинбейт.

Кээде кыргыз көрүстөндөрүнүн чөлкөмүнөн жылкынын баш сөөгүнөн бөлөк эч кандай табыт коюлбаган коргондор жана жалпак корумдар учурайт. Буларды болжол менен символикалык көрүстөндөргө – кенотафтарга кошууга болот.

Чаа-тас доорундагы эстеликтердин бардык түрүнө кенттер кирет, алар жетиштүү изилдене элек. Азыркы учурда белгилүү болгон кенттердин көбү төрткүл дөбө түрүндө кезигет. Адистер аны малчылардын убактылуу отурукташкан жайкы жана кышкы конуштарды болсо керек деп болжолдошот. Кенттердин ордунан көзөлөрдүн, сапал идиштердин калдыктары, темирден жасалган курал-жарактардын, ат жабдыктардын турмандары, адеми жасалгалардын сыныктары, мал-жандыктардын сөөктөрү учурайт. Айрым эстеликтерден кен ылгоо иштеринин издери: көөрүк оюктар, мештер, темир эритиндиси, шлактар табылган. Маданий катмарынын калыңдыгы 0,3 м келген бир кент белгилүү. Бул кичи көпөн кентиндеги табылгаларда көбүнесе сапал идиштердин сыныктары, койдун, уйдун жана жылкынын сөөктөрү басымдуулук кылган. Мындан тышкары ал кездерде боз үй кебетеленген жатак жайлар да болсо керек деп болжолдоого негиздер бар.

Ошондой эле узак мезгилдерге эсептелип «храм» түрүндөгү курулуштарды жана чеп өңдүү сокмо коргондорду (фортификациялык курулуштар), мисалы, МиңӨзөн ойдуңунун түштүгүндөгү «Омай-тура» деп аталган «тыва дубалын» айрым изилдөөчүлөр чаа-тас доорундагы эстеликтерге кошууну сунуш кылып келишүүдө. Бирок аталган курулушту казып, изилдеп көргөндө мындай божомолдун туура эместиги анык болду, көрсө бул чеп коргон Саян өрөөнүн түндүк тараптан болуучу чапкынбаскындардан коргоо үчүн курулган экен.

Чаа-тас доорундагы эстеликтердин дагы бир түркүмүн петроглифтер, тамгалар, руна сымал жазуулар, казыналуу кенчтер түзөт. Кыргыздардын бул кездеги материалдык маданиятынын турмандары көп түрдүү келет. Булардын ичинде сапал керамикасы абдан мүнөздүү көрүнүшкө жатат, алар илимий адабияттарга «кыргыз вазасы» деген ат менен кирген. Л.А.Евтюхова аныктап чыккандай, вазалар чарык түрүндөгү атайын жайманда тегеретме тасмага салып кепке келтирилген, андан соң түбүн жана оозун чаптап кынапташкан. Вазалар ар түрдүү формада жасалган. Көбүнчө түбүн жалпак, тулкусун жумурткадай жалпак кылып, оозун анчалык узун чыгарбай, кууш кайрып, кырдантып жасашкан. Ошондой эле бөтөлкө түспөл, оозу кууш, шар сымактуу идиштер да кездешет. «Кыргыз вазаларын» цилиндр түрүндөгү мөөр баскычтарда чегедектин сүрөтүн чөгөрүп кооздошкон. Алар, кейпи, шарап үчүн жасалса керек, анткени кыргыздар, летопистерде айтылгандай, «эгинден кирчимек ачытышкан». Сапал идиштер, божомолго караганда, Энесайга кыргыз маданиятынын тепсей доорунда эле Борбордук Азиядан ооп кирген болушу керек, ал эми чаа-тас мезгилинде кеңири таралып, аны акырындап кыргыздар өздөрү жасай баштаган. Муну көптөгөн идиштердин ассиметриясы, чопо топурактын аралашмасындагы таш күкүмдөр, майда шагылдар көрсөтүп турат. Мындан бөлөк кыргыздарда сомдомо керамикалар: вазалар, гөзөлөр, чөйчөктөр кеңири колдонулган. Кээде суюктук куюлуучу кумган сыяктанган идиштер жолугат, аларды кезинде кыргыздар өлгөн адамдын күлүн сала турган көрүстөн кутусу катары да пайдаланышкан. Кыргыз төбөлдөрү кымбат баалуу металл идиштерин, алтын карматылган, күмүш жалатылган кумураларды, чөйчөктөрдү, чөөгүндөрдү жана башка идиш-аяктарды урунушкан. Айрым бир жерлерден сырт жактардан алынып келген лакталган мискейлер, тостукандар табылган.

Чаа-тас доорундагы кыргыз эстеликтеринен курал-жарак турмандары башка буюмдарга караганда аз жолугат. Кенттердин төрткүлдөрүнөн бир кырынан миз чыгарылган муунактуу шамшарлар, жебенин ар түрдүү формада жасалган темир учтары, кылычтар, найзанын тыктары, айбалталар, чарайна-зооттор табылган. Ар кайсы кенттерден табылган кош миздүү канжарлар, найзанын учтары, айбалталар, чарайналар да ушул мезгилге тиешелүү шаймандар болуп саналат.

Кыргыздар ат-жабдыктардын, эки учуна шакек-тогоо тагып, чынжырлуу коңгуроо байлаган ооздуктарды, тегерек жана жалпак моюндуу жазы үзөңгүлөрдү, жүгөн жана ээр үчүн каңылтыр таралгаларды жасашкан, аларды өсүмдүктөрдүн же болбосо айбанаттардын сөлөкөтүн түшүрүп көрчөгөлөшкөн.

Жоокер кыргыздар киселүү кур байланып жүрүшкөн. Ал кезде эркек болсун, аял болсун, баары бирдей сырга тагынышкан. Шуру, билерик, тыйын топчулар аялдардын негизги жасалгасына кирген.

Кээде мал-жандыктын, өзгөчө койдун жыгачтан жонуп, сыртына жука жез жаткызып, алтын жана күмүш жалатылган бедиздери жолугат. Калыбы, алар таштык мезгилиндегидей эле күтүрөгөн төрт түлүктүн шаанисин билдирсе керек жана ошондон улам өлгөн адамдын ыскаты катары көрүстөнгө кошо көмүлгөн.

Чаа-тас турбаттарынын төрткүлдөрүнөн жер иштетүүчү шаймандар: чоюн соколор, сөөктөн жасалган кетмендер, темир күрөктөр кездешет. Ал эми кенттердин урандыларынан үй тиричилигинде урунган аспаптар: саптуу темир бычактар, шибеге, төөнөгүч, жаргылчактын туткалары, кол тегирмендердин таштары табылат.

Кыскасы, чаа-тас доорундагы буюм-турмандардын таштык мезгилине салыштырганда Миң-Өзөндөгү тургун калктын маданиятында олуттуу өзгөрүүлөр болуп өткөндүгүн жана алардын издерин таасын көрүүгө болот. Курал-жарактардан, ат жабдыктардан жана алардын турмандарынан, шөкүлөлөрдөн, металлдан жасалган идиш-аяктардан, кемелердин жасалгасынан сырт жактан кирген жөрөлгөлөрдүн таасири айрыкча ачык байкалат. Мындай жаңы жышаандардын дээрлик бардыгы Энесайга көчмөн түрктөрдүн дүйнөсүнөн же алардын шарапаты менен Орто жана Чыгыш Азиянын элдеринен оошуп кирген.

Руна жазуусун да кыргыздар түрктөрдөн алган, көрүстөндөрдөгү моло таштарга керез сөз чегип калтырган салтты да ошолордон үйрөнүшкөн.

Эгерде түрк кагандары кыргыздарды бир канча ирет басынтып басып алышканын, VIII к. алар Миң-Өзөн ойдуңун байырлап турушканын, түрктөр менен кыргыздардын башкаруучу төбөлдөрү өз ара алакада болушканын эске алсак, байыркы түрк маданиятынын кыргыздарга тийгизген таасир-таалими таң каларлык иш эмес. Ошону менен бирге кыргыз маданиятынын түрктөштүрүлүшүн бир жактуу процесс катары карап, тарыхый-маданий бир региондун борбордук жамаатындагы маданий жетишкендиктер анын чет-жакаларындагы элдерге механикалык түрдө көчүрүлүп турган дегендей кыязда кабыл алуу дегеле туура болбос эле. Аталган маданий түркүмдүн бул процессин жалпы түркий шаркеттин курамына кирген ар түрдүү көчмөн уруулардын өз ара маданий алакаларынын күч алышынан улам өз-өзүнчө турган тектеш маданияттардын жалпы тарыхый-маданий көрөңгүгө жуурулушуп биригиши катары түшүнүү адилеттүү болмокчу. Түрк кагандарына баш ийип, ошол эле учурда кагандыктын аскерий-административдик бийлигинин бир тизгинин колунда кармап турган жергиликтүү көчмөн төбөлдөр аскерий-кошуун маданиятынын жаңы жөрөлгөлөрүн: мартабалуу аскер наамдарын, курал-жарактардын түрлөрүн, жасалгалуу ат жабдыктарын жана жоого кийчү кийим-кечелерди, кымбат баалуу идиш-аяктарды, өздөрүнүн эрдигин таш турбаттарга чегип, керез кылып калтыруу салтын ылдам өздөштүрүп, үйрөнүүгө жетишкен. Дегинкиси, түрктөр VIII к. кыргыз жерин басып алып, аларга аралашып жашай баштаган кездерде түрктөрдүн аскер төбөлдөрү кыргыз ак сөөктөрүн мамлекетти башкаруу ишинен убактылуу түрдө четтеткен болуу керек, бирок кийин II Чыгыш Түрк кагандыгы кулатылгандан соң түрктөр жергиликтүү маданиятка өздөрүнүн салт-санаасын сиңирип, кыргыздарга журтташ-урукташ болуп жуурулуп кетишкен деп болжолдоого болот.

Чаа-тас доорунда кыргыздар канчалык өлчөмдө уйгурлардын таасирине кабылганын айтуу кыйын, анткени уйгур эстеликтери азырынча жетерлик түрдө изилдене элек. Болжолго караганда, уйгурлар VIII к. жуп этегинде, Кутлуг кагандын тушунда гана Миң-Өзөнгө ийгиликтүү жортуул жасай алмак. Дал ушул мезгилден тартып кыргыздардын жана Миң-Өзөн түрктөрүнүн оюм-чийимдеринен уйгур асемдери көрүнө баштаган. Бирок мындай таасирдин издери чаа-тастардан анчейин байкала бербейт. Өсүмдүк асемдери татаалданып, жаныбарлардын каптал жактан көрүнгөн сөлөкөтүн түшүрүп көрчөгөлөөдө мүнөздүү өзгөчөлүктөр пайда болгон, чыгыш азиялык элдерге жана иран-согдиялыктарга тиешелүү сюжеттер жайылып таралган. Мунун баары уйгур кагандыгынын ооматы көтөрүлүп турган маалга туура келет деп жоромолдосо болот. Миң-Өзөндөгү чеп сыяктуу курулуштар да уйгурлардын, же балким алар аркылуу согдиялыктардын шарапат-шарпасы тийип барпаа болгон чыгар. Бирок ошентсе да уйгурлар менен кыргыздардын сапал идиштерине, айрыкча алардын жасалгаланышында окшоштуктар аз байкалат. Дыйканчылык иши жайкын өрүшкө жеткен Орто жана

Чыгыш өлкөлөрү менен кыргыздар чаа-тас доорунда анда-санда гана алака жасашкан. Тан империясынын сарайына элчиликке барып, айырбаштоо үчүн жылкы айдап келишкени, Тибетке, Чыгыш Түркстанга жана Согдияга кез-кезде соода кербендерин жөнөтүп турушканы белгилүү. Андыктан Чыгыш Азияда жасалган кайсыдыр бир буюмдар, мисалы, Тан империясынын тушундагы кытай кездемелери, лакталган идиштер, жез тыйындар дипломатиялык алыш-бериштердин, соода-сатык иштеринин аркасында Энесайга келип калышы да мүмкүн эле. Бирок аралыктын алыстыгынан жана кыргыздардын ал кезекте түрктөргө, уйгурларга саясий жактан көз каранды болуп тургандыгынан улам мындай байланыштар туруктуу мүнөзгө ээ боло алган эмес.

Андан кийинки доорлордо кыргыздардын тарыхындагы эң көрүнүктүү окуялардын тилкеси башталат. IX–X кк. алар бүткүл Борбордук Азияны каратып алышып, бул аймакка ээлик кылып турушкан «улуу дөөлөттүк» доор деп аталган ушул мезгилдеги кыргыз маданияты Миң-Өзөн ойдуңунан кыйла алыс жактарга – КрасноярКан районуна, Объ дарыясынын алабына, Алтай, Чыгыш Казакстан, Тыва, Монголия аймагына, Байкалдын атрабына жайылып тараган. Жазуу булактары бул мезгилде кыргыздар Чыгыш Түркстанга жана Тан империясынын чектерине чейин кирип келишкенин тастыктайт.

Ошого жараша аталган доордогу көрүстөн эстеликтери да көп түрдүү келет. Кыргыздардын IX–X кк. көрүстөн коргондорунун эң көбү азыркы кезде Тывада изилденди. Хыргыс-ур деп аталган көрүстөндөр ушул мезгилдеги эң көрүнүктүү турбаттардан болуп саналат. Тегерете ноолу дубал согуп, таштарды кырдап үйүп, коргондун жанына тосундарды орнотушкан. Корум таштардын алдына көр казып, өлгөндөрдүн сөөктөрүн күйгүзүп, бирден-экиден, кээде үчтөн-төрттөн топ-топ кылып чогултуп, малдын этин, суюк тамак куюлган идиштерди коюшкан. Эркектер көмүлгөн кабырлар ыскаттарга бай келет, алардан куралжарак, ат жабдыктар, текмет-курлар табылат. Коргондордун жанындагы тосундарга тамга чегелеп, руна жазуусу менен керез сөздөрдү жазышкан.

Улуу дөөлөттүк доордун тушунда кыргыздар таш үйүп, алкак түспөл саганаларды да тургузушкан. Миң-Өзөн ойдуңунун түпкү калкында мындай турбаттар «хыргыстар сууктэр» деп аталган жана алар б.з. II миң жылдыгынын башталышында абдан кеңири таралган.

Булардан тышкары IX–X кк. ноолу дубалдуу көрүстөн коргондору болгон, алар хыргыс-ур турбаттарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн түрү сыяктанат. Өрттөө салты боюнча көмүлгөн ошондой эле тегерек жана сүйрү кылып таш кырдаган объекттер да белгилүү.

Айрым райондордон, көбүнчө Миң-Өзөн ойдуңунун чет жактарынан өлүктү өрттөп коюу салты боюнча көмүлгөн, курал-жарактар жана ат жабдыктары бар үстү кырдалбаган топурак мүрзөлөр табылган. Объ дарыясынын алабындагы топурак коргондор кыргыз маданиятына таандык деп эсептелинет. Буларга өлүктү өрттөп, анчалык терең эмес сүйрүсүнөн келген ороолорго коюшкан. Төрткүлдөрдүн арасынан аталган аймак үчүн мүнөздүү болгон ат жабдыктар, курал-жарактар, сапал идиштер чыгат.

Булар менен бирге эле ноолу дубалдуу чакан таш коргондор кезигет, аларга өлүк көмүлгөн эмес, бирок куралжарактардын, ат жабдыктардын турмандары, койдун эти коюлган. Аларды символикалык көрүстөндөр – кенотафтар деп атоого болот. Эч кандай табылгалары жок «төгүн» же «меморативдик» деп аталган коргондор да бар.

IX–X кк. кыргыздар жаш балдарды чакан коргондордун алдына, сүйрү жана төгөрөк коргондордун кырдалган корумдарына хыргыс-ур турбаттарынын көтөрмөлөрүнө коюшкан.

Кыргыз кагандыгынын чектери кеңейген сайын анын букаралыгына өткөн уруулардын саны көбөйгөн, ошол себептен урку башка уруулардын көрүстөн эстеликтери да ар түрдүү мүнөздө болгон. IX–X кк. өлгөн адамды аты менен кошо көмгөн байыркы түрктөрдүн салты айрыкча кеңири таралган. Кээде өлүктүн ордуна маникен коюшкан. Ал эми өлүк менен бирге атын кошо өрттөп койгон болуш керек. Мындай эстеликтер аталган мезгил үчүн сейрек көрүнүш болгон. Мындан тышкары өрттөлбөстөн көмүлгөн өлүккө кошуп аттын терисин койгон уйгур көрүстөндөрү белгилүү. Миң-Өзөн ойдуңундагы карапа идиштери, койдун эттери жана айрым буюмдар менен коюлган ар түрдүү жалкы мүрзөлөр учурайт. Булар кыштымдардын мүрзөсү болгон.

Кыргыз кагандыгынын чет-жакаларында, кыргыздар өздөрү жайлаган жерлерден сырткары аймактарда негизинен жергиликтүү уруулардын көрүстөндөрү басымдуулук кылат. Бул мезгилде кыргыздардын көпчүлүгү Тываны тургундап турушкан. Миң-Өзөндө алардын эстеликтери анчалык деле көп эмес. Калган аймактардан болсо кыргыз көрүстөндөрү өтө эле сейрек, бирин-экин гана жерден гана учурайт.

Улуу дөөлөттүк доордогу кыргыз тургун жайлары алар жайкысын жана кышкысын тургун кылган конушжатактары болгон, алардан кандайдыр бир маданий катмардын калдыктарын байкоо кыйын. Мындай жайлардын ордунан, негизинен, карапалардын сыныктары, темирден жасалган жоо-жарактардын, ат жабдыктардын айрым бир турмандары, чопо буюмдар, тыйындар, үй жандыктарынын сөөктөрү табылат. Кээ бир тургун жайлардан металлургиялык өндүрүш ишинин издери катталган.

Л.Р.Кызласовдун божомолу боюнча Уйбат дарыясынын жээгиндеги пакса дубалдуу курулуш дал ушул доорго туура келет, аны адистер кыргыз каганынын «сепил-сарайы» болгон деп аныкташат. «Сепилдин» айланасынан эзелки тургун жайдын болор-болбос жышаандары байкалат.

Коргонуу максатында тургузулган айрым бир курулуштар, мындан тышкары руна сымал кыргыз жазууларынын, аларды коштогон эн тамгалардын, казына катылган жайлардын, аска таштагы сүрөттөрдүн бир кыйла бөлүгү Улуу дөөлөт дооруна туура келет.

IX–X кк. таандык кыргыз көрүстөндөрүнөн сейрек болсо да карапа жана ийленген идиштер, атап айтканда, «кыргыз вазалары», гөзөлөр, тостукандар учурайт. Бул мезгилде кыргыздар чорголуу кумгандарды, чөйчөктөрдү, чөмүчтөрдү урунушкан. Күмүш чөгөрүлгөн кымбат баалуу идиштер уйгур көчмөндөрүнө кол салып, алардын конуштарын, шаарларын басып талап алган кездерде кыргыздарга олжого келген же болбосо аларды Ортоңку Чыгыш, Борбордук Азия мамлекеттери менен соода-сатык кылганда айырбаштап алышкан.

Улуу дөөлөт доорундагы кыргыздардын жоо-жарактары да сырткы түспөлү жана түркүмү жагынан өтө ар кыл болгон: түз жана ийри кылыч, найза, айбалта, канжар, жаа-жебе, зоот, калкан, чарайна ж.б. түрлөрү.

Жүгөндүн ооздугуна жылаажындарды тагышкан, тегерек жана жалпак үзөңгүлөрдү жасашкан. Ээр токумдарга, өзгөчө куюшкан-жүгөндөргө, басмайылга не бир түркүн асемдерди түшүрүп, алтын жалатып көрчөгөлөшкөн. Киселүү кемер курчанышкан, сырга, шуру, тыйын кыргыз аялдары тагынган негизги жасалга болгон.

Тан империясынын тушундагы кыргыз тыйындары Энесайга дал ушул доордо келген. Алардын айрымдарында руна сымал жазуулар бар. Буга караганда тан тыйындары Кыргыз кагандыгында казынанын милдетин аткарып, акча ордуна колдонулган деген жоромолдун жүйөөсү бар өңдөнөт.

Кыргыз эстеликтеринен темир бычактар, миздүү жана учтуу аспаптар, орок-чалгылар кездешет. Тан доорундагы буурсун шаймандары да кыргыздарга ушул мезгилде алынып келген болуу керек.

IX–X кк. өлүк көмүү салтынын мүнөзү жана инвентардык турмандар бул мезгилде кыргыз маданиятында чаа-тас дооруна салыштырмалуу кыйла өзгөрүүлөр болуп өткөнүн көрсөтөт. Хыргыс-ур коргондору менен чаатастардын ортосунда өз ара генетикалык байланыш бар экени адабиятта белгиленген. Чынында эле VI–VIII кк. таандык көрүстөндөрдүн курамынан кай бир учурларда кырдалган корумдарды айланта коргон уруп, жанына жалгыздата тосун орнотуп же тосун койбой тургузулган турбаттар катталган. Аларды чаа-тастардын жөнөкөйлөштүрүлгөн түзүлүшү катары эсептөөгө болот. Бул, калыбы, түрктөрдүн таасиринен улам болуп өтсө керек. IX–X кк. көрүстөндөрдүн ички түзүлүшү да кыйла жөнөкөй түргө келип өзгөрө баштаган, б.а. мурда төгөрөк же сүйрү ор казып, капшытына кыдырата жыгач кагып кынаптап, ортосуна түркүк орнотушса, эми анын ордуна тек гана тайыз чуңкур каза турган болушту. Каада-салтка акырындап жаңы жөрөлгөлөр кирген. Ыскат катары көрүстөндөргө коюлчу оокат-азыктар сейректеп, инвентарлар көбөйгөн. Мындай өзгөрүүлөр жоокерчилик турмуштун күч алышына, жортуулдардын маалында калктын бир орунда турбай, такай жер которуп тургандыгына жараша келип чыккан. Узакка созулган согуштардын муктаждыгынан курал-жарак жасоо кескин өнүгүп, анын түрлөрү көбөйгөн. Ордосу талкаланган уйгурлардан асемдүү, адеми артык ат жабдыктар, киселүү курлар кыргыздарга өтүп, калк арасына кеңири таралган. Олжого түшкөн же соода-сатыктын натыйжасында алмашылып алынган буюмдардын айрым бир бөлүгү көрүстөн ыскатына коюлган.

Кыргыз маданияты үчүн IX–X кк. чектеринде дыйканчылыгы өнүккөн өлкөлөр менен карым-катнаш жасоого оңтойлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Чет жерлик буюмдарды ташып келүү күч алган.

Кыргыз кагандары башка көчмөн мамлекеттердин башкаруучуларындай эле Тан доорундагы жер иштетүүчү шаймандарды алдырып, кытай тыйындарын колдонуп, тургун элдин арасында зыраатчылыкты өнүктүрүүгө, акча каражатын жүгүртүүгө аракет жасашкан. Чет элдик курулушчулардын жардамы менен шаар куруу өнөрүн жайылтууга киришип көрүшкөн. Мындай аракет негизинен коргонуу максатын көздөп, көчмөн коомдун реалдуу мүмкүнчүлүгүн эске албагандыктан, түпкүлүгүндө маданияттын мүнөзүн өзгөртө алган эмес. Анын тескерисинче, чаа-тас дооруна салыштырганда IX–X кк. кыргыз маданияты баштагы элеттик өзгөчөлүктөрүн жоготуп, «жалпы көчмөн мүнөзү» күч ала баштаган. Б.з. I миң жылдыгынын этегиндеги Саян-Алтай тарыхый-маданий аймактагы түрктөрдүн, кимактардын жана башка көчмөндөрдүн маданиятына салыштырганда кыргыз маданияты инвентардык турмандарга жарды келет.

Кыргыз тарыхынын мындан кийинки доору адабияттарга «хыргыстар сууктэр» деген ат менен кирген. Ал б.з. XI–XII кк. туура келет. Бул мезгилдеги кыргыз маданиятынын эстеликтери көбүнчө Саян-Алтайдан жолугат. Тывада алар аз, бирок Миң-Өзөн ойдуңунда көп. Ал эми Краснояр аймагында болсо бирин-серин гана.

Бул мезгилге мүнөздүү эстеликтерге тегерете таш үйүлгөн көрүстөндөр кирет. Алар «сууктэр» деп аталган. Кээде алардан ноолу дубалдын орду байкалат. Кырдалган корумдардын жанына кез-кезде гана тосун орнотушкан. Төрткүлдөрдүн алдынан күл, күйгүзүлгөн сөөктөр, атжабдыктардын, куралдардын темирден сомдоп жасалган турмандары чыгат, оокат-аштын калдыктары, көбүнесе уйдун жана жылкынын сөөктөрү жолугат. Айрым коргондордон иттин скелети, бут сөөктөр, кээде жылкынын териси табылат.

XI–XII көрүстөндөрдүн арасынан сууктэр коргондоруна түспөлдөш кабырлар да табылган. Аларга эч нерсе коюлган эмес, болгону айрым бир темир буюмдар гана кезигет. Кыязы, бул символикалык көрүстөндөр – кенотафтар – болсо керек.

Ал эми сууктэр доорундагы көрүстөндөрдөн кездешкен айрым коргондор жаш балдарды өрттөбөстөн, темир буюмдар менен кошо шакек сыяктуу кырдалган коргондордун алдына коюшкан.

Аталган доорго таандык кыргыз көрүстөндөрү саны жагынан анчалык көп эмес, 5 – 10 объекттен, негизинен жоокерлердин мүрзөлөрүнөн турат, кыр-жондордо жана керүү жерлерде кыркалекей болуп катарлашып жатат. Теги бөлөк тайпалардын, кыштымдардын, уйгурлардын мүрзөлөрү кыргыз көрүстөндөрүнүн арасынан бириндеп жолугат. Кыштымдар өлгөндөрдү өрттөбөй, таш табыттарга салып тегерете кырдалган кабырларга коюшса, уйгурлар аны кана кылып таш дубалдар менен тосулган, көтөрмө өңдөнгөн ороолорго аттын терисине кошуп көмүшкөн.

Сууктэр доорундагы жатак-жатак жайлардын орду Миң-Өзөн ойдуңунан изилденген. Алардын көпчүлүгү көчмөн малчылардын кышкы жана жайкы конуштары болуп саналат. Алардан эч кандай маданий катмар калган эмес, айлана тегерегинен темир куралдар, ат жабдыктардын турмандары, бычактар, үй жандыктарынын сөөктөрү табылат. Кээ бир кенттерден темир эриткен көөрүктөрдүн изин көрүүгө болот. Кыр жондорго жана керүү жерлерге салынган коргонуучу чептер да ушул сууктэр мезгилине таандык курулуштар деп эсептелинет, согуш коркунучу туулганда көчмөн калк ушул сепилдерге келип корголошкон. Алардан маданий катмар калбагандыктан, кайсы учурда курулганын так аныктоо кыйын. Айрым учурда гана аларга жакын жерлерден сууктэр көрүстөндөрү табылган, ушуга караганда булардын курулган доору бир болсо керек деп божомолдоого болот. Адабияттарда Уйбат дарыясынын өзөнүндөгү «сепил» б.з. II миң жылдыктын башталышында да сакталып турган деген кеп бар.

XI–XII кк. кыргыздар руна жазуусун колдонбой калышкан деп жоромолдогондор болгон. Бирок Миң-Өзөн ойдуңундагы жана Тыва таш көрүстөндөрдүн тосундарына чегеленген тамгалар дал ушул сууктэр мезгилине туура келет. Ал эми аска таштарга түшүрүлгөн сүрөттөр бул мезгилде болгонбу, жокпу, азырынча айкын боло элек. Коргонуучу курал-жарактар катылган кенчтер да ушул доорго тийиштүү болушу мүмкүн.

XI–XII кк. кыргыз маданиятынын предметтик комплекси мурдагы доорлорго караганда чоң өзгөрүүлөргө ээ болгон. Бул мезгилдеги көрүстөндөрдөн сапал идиштер дээрлик учурабайт. Болгону бир гана жолу карапанын сыныгы табылган. Кыязы, башка көчмөн маданияттардай эле, б.з. II миң жылдыгы башталган маалда кыргыз маданиятында да карапачылык баштагы маанисин жоготуп, анын ордун металлдан жана териден жасалган идиштер ээлей баштаган болуу керек. Казылып алынган табылгалардын арасынан кээде күмүш идиштерди учуратууга болот, алар кыргыздарга сырттан кирсе керек же жортуулдардын учурунда олжого түшкөн шекилдүү.

Курал-жарак да өзгөргөн, алардын түрлөрү көбөйгөн. XI–XII кк. кыргыз жоокерлери ийри кылыч, найза, айбалта, канжар, жаа, жебелер менен куралданып, чарайназоот, туулга кийишкен; ар түрдүү формада кыр чыгарып, жалпак, канаттуу жебелерди жасашкан.

Ат жабдык турмандарынын арасынан жылаажын тагылган суулуктар, көзөнөктүү жалпак моюн, иймек таман үзөңгүлөр кеңири таралган. Кемер-курларды, ээртокумдарды кештелеп, көрчөгөлөөдө жаңыча асемдер пайда болгон. Мындай өзгөрүүлөр буюм жасоонун жаңы усулуна ылайык келип чыккан, алардын көбүн темирден ийлеп, үстүнө күмүш жаткырып, жаңы ыкма менен жасай башташкан.

Сууктэр коргондорунан сырга, шуру, тан тыйындары көп жолугат. Булар аталган мезгил үчүн мүнөздүү келген жасалгаларга кирет. Тиричилик шаймандарынан темир бычак, төөнөгүч, ийне, балта, күрөк ж.б. табылган.

Мурунку доорлорго мүнөздүү болбогон айырмачылыктар өлүк коюу салтынан, ошондой эле көрүстөн буюмдарынан байкалат. Сууктэр коргондору негизинен улуу дөөлөттүк доордогу кыргыз көрүстөндөрүнө окшош келип, шакек түрүндө тегерете кырдалып таш үйүлгөн. Мындан тышкары, IX–X кк. турбаты жок бейиттер, балдардын сөөктөрү өрттөбөй көмүлгөн мүрзөлөр, кенотафтар болгон. Бейиттердин формалары менен турмандардын курамдары да өзгөргөн. Жер-жерлердеги көрүстөндөрдүн баарында тең сапал идиштердин ордуна темир турмандар болгон.

Жоокерчилик иштерде аттын ролу өсүп, ага ылайык курал-жарактардын көп түрлөрү универсалдаша баштаган. Экинчи жактан темир иштетүү өнөрү өнүгүп, өркүндөгөн сайын буюм жасоонун, аларга асем түшүрүүнүн мүнөзү өзгөрүп отурган. Эске ала турган дагы бир жагдай: бул мезгилде дыйканчылык маданияты өнүккөн Чыгыш жана Орто Азия өлкөлөрүн кидандар, моңгол тилдүү башка уруулар басып алып, ээлик кылып турушкан, ошондуктан кыргыздар бул аймактагы элдер менен баштагыдай алакакатыш жасабай калышкан. Бул да сууктэр доорундагы кыргыз маданиятынын турпатына аздыр-көптүр таасир тийгизбей коймок эмес. Дегинкиси, кыргыздардын көрүстөн эстеликтеринен табылган ушул доордогу темир буюмдары эшилип-жешилип, начар сакталгандыктан, аларды башка маданияттарга мүнөздүү келген материалдар менен салыштырып карап, талдап чыгуу кыйын. Андыктан металл иштетүүдөгү жаңы жөрөлгөлөрдүн тегин, алар кыргыздарга кимдер аркылуу кирип таралганын азырынча так айтууга болбойт.

XIII–XIV кк. кыргыз төбөлдөрү ыктыярдуу түрдө Чыңгыз ханга баш ийип, Монгол империясынын карамагында турушкан. Ошондон улам бул учур кыргыздардын тарыхында «монгол доору» деп аталат. Аталган мезгилдеги кыргыз маданиятынын эстеликтери негизинен Миң-Өзөн ойдуңуна топтолгон.

Тывада монгол доорундагы кыргыздардын айрым учураган көрүстөндөрдүн бардыгы жөнүндө да пикирлер айтылган.

Бул мезгилдин көрүстөн эстеликтери сууктэр коргондоруна окшош келип, тегерете таш үйүлүп жасалган, өлүктү өрттөп коюшкан. Көрүстөндөрдөн жандыктардын сөөк-саактары, темир куралдар, ат жабдыктарынын турмандары, тиричилик эмеректери учурайт.

Энесайдан табылган күмүш идиштердин казына-кенчтери да ушул доорго таандык деп эсептелинет. Турак жайлар жөнүндө айтсак, алар аз, анын үстүнө тиричилик буюмдарынан турган инвентардык турмандар мурунку доорлорго мүнөздүү материалдардан кескин айырмаланбайт. Көчмөн малчылар конуш кылган жайлардан кээде темир ооздук, жылаажын, таралгалар, асемделген ээрдин кашы, илме шибеге, эки тиштүү айры, монгол тейиндеги сыргалар жолугат.

Бул мезгилде кыргыздар курал-жарактардын көп түрлөрүн колдонушкан, бирок алардын ичинен ар кандай формадагы жебенин учтары гана табылган, калгандары кезиге элек. Көрүстөн коргондорунан болгону зооттун сыныктары чыккан. Ат жабдыктарынан бул мезгилде коңгуроо түспөл жана жалпак жылаажындуу кош ооздуктар, көзөнөк моюндуу үзөңгүлөр, көмөлдүрүк-куюшкандар белгилүү. Монгол доорундагы эстеликтерден сапал идиштер кездешпейт. Кез-кезде гана адеми артык күмүш идиштер учурайт, калыбы, алар кыргыздарга сырттан кирсе керек.

Курал-жарак шаймандар комплексинин ичинен жебелердин ассиметриялык-ромб түрүндөгү жалпак, сектордук томар, төрт кырдуу, узун үч бурчтуу, согуштук түрлөрү бөлүп көрсөтүүгө болот. Монгол доорунда куралдардын башка түрлөрү да колдонулган, бирок алар комплекстерден жолуккан жок. Коргондордон сооттун пластиналарынын сыныктары табылды. Монгол дооруна тиешелүү шакектүү же пластиналуу кош ооздуктар, кулагында оюгу бар үзөңгүлөр, каамыттардын темирлери, ээрдин темир каптоолору, илмектер, таралгалар, балта көзөгүчтөр, болттор, обоймалар да бар. Табылган турмандардын кооздолушу да мүнөздүү. Булардан башка бычактар, шибегелер, илмектер, айрылар, мыктар белгилүү. Монгол династияларынын тыйындары өтө сейрек кездешет. Бул эстеликтерди көчмөн малчылардын жайкы жана кышкы конуштарына тиешелүү десе болот.

Монгол доорунда кыргыздардын өлүк коюу жана аза күтүү адат-салты анчейин өзгөргөн эмес. Көрүстөн коргондору сырт түспөлү жагынан сууктэр доорундагы объекттерге окшош, кырдалган корумдары гана жөнөкөй тартып, көрүстөндөгү объекттердин саны азайган. Кээде мындай коргондор өзүнчө, жалкы түрүндө жолугат. Сууктэр дооруна караганда эстеликтердин жалпы саны да бир кыйла аздык кылат. Инвентардык комплекстеги турмандардан жаңы жөрөлгөлөрдүн шааниси көп байкалбайт. Негизинен ал ат жабдыктардын темир жасалгаларынан гана көрүнөт. Куралдардын түспөлү жана түрлөрү азайган.

Кыскасы, монгол маданиятынын кыргыздарга сезилерлик таасир тийгизгени байкалбайт, анын изи көрүнбөйт. Бул кезде Саян-Алтай аймагында саясий кырдаал өзгөрүп, кыргыз жерлери бүт бойдон Монгол империясынын карамагында калганын эске алсак, жаңы жөрөлгөлөрдүн мынчалык аз таралып, таасири тайкы болгонун түшүнүү кыйын. Кыязы, буга Миң-Өзөн ойдуңу Монгол мамлекетинин ортолугунан бир кыйла алыс, анын чет-жакасында турганы себеп болгон көрүнөт. Анын үстүнө кыргыз ажолору монгол жаангерлерине ыктыярдуу түрдө баш ийип беришкендиктен, кыргыз маданияты алардын кыйракандуу кысымына кабылган эмес. Бирок Монгол империясы кыргыздарды өздөрүнүн жортуулдарына катыштырып, ар кайсы жакка бытыратты, ушунун айынан Энесайда алардын абалы начарлап, кыштымдар жанданып, бүт өрөөнгө тарап, сан жагынан көбөйдү. Муну алардын эстеликтери да айкындап турат. Миң-Өзөн ойдуңундагы кыштымдардын көрүстөндөрү бул доордо кыргыздардыкына караганда бир кыйла көп болгон, алардын айрымдарынан ыскат катары коюлган баасы кымбат күмүш идиштер, асемдүү ээрлер табылган. Ырас, кыргыздар андан кийин деле далай мезгилдерге чейин кыштымдарга бийлик жүргүзүп, саясий үстөмдүгүн кармап турушкан, бирок бул мезгилде Миң-Өзөндөгү этностук жагдай олуттуу түрдө өзгөрүп калган болчу.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН СООДА ЖАНА МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫ

Сибирдин түштүк райондорунун Борбордук жана Орто Азия элдеринин ортосундагы алыш-бериш жана маданий байланыштар байыркы мезгилдерден бери эле болгон, анткени бул аймактардын баары алардын чегинде көчмөн малчылардын маданий-чарбалык түрү катары өзүнчө калыптанган. Евразиянын бир бүтүн табигый-географиялык талаалуу алкагына кирет. Алгачкы жолдор байыркы талаа калкынын көчүп конгон изин ээрчип Коло доорундагы дөңгөлөктүү көлүктүн (транспорт) өсүшүнөн улам салынган. Алгачкы темир доорундагы атчан жүрүүнү өздөштүрүшкөн соң кербен жолдор көчмөндөр дүйнөсүнүн алыскы түндүк чектерине дейре созулган. Саян-Алтайдын калкынын түштүк өлкөлөрү менен болгон соода жана маданий байланыштарынын чагылышы катары көчмөндөрдүн скиф мезгилиндеги көрүстөндөрүнөн Кытайдын, Орто Азиянын жана Ирандын буюмдарынын табылышын көрсөтсө болот.

Б.з.ч. I миң жылдыктын акырындагы Улуу Жибек Жолунун ачылышы менен Евразиядагы кербен жолунун салааларын трансконтиненталдык улуу жолго байланыштырган Түштүк Сибирдин Орто Азия жана Чыгыш Түркстан менен болгон соода байланыштары болуп көрбөгөндөй жанданган. Улуу Жибек Жолу менен сатуу үчүн ташылган буюмдардын негизин кымбат баада металлдар менен жасалгалар, кымбат казан-аяк жана курал-жарак, кийим-кечек жана кездемелер, ошондой эле сейрек кездешүүчү сырье жана элдик медицинанын дары-дармектери сыяктуу кымбат буюмдар түзгөн. Түштүк Сибирь терилер жана сырьенун башка түрлөрү менен жабдып турган. Кербен соодасынын буюмдарынын ичиндеги өзгөчө орунду, б.з I миң жылдыгынын ортосуна чейин Кытайда гана чыгарылган өтө жогорку сапаттуу жибек ээлеген. Жибек менен соода жүргүзүү кытай дипломатиясы тарабынан саясий максатта кенен пайдаланылган. Улуу Жибек Жолуна ээлик кылуу Борбордук, Орто жана Чыгыш Азиядагы отурукташкан жана көчмөн мамлекеттердин ортосундагы кармаштын негизги себебине айланган, анткени ал байыркы жана орто кылым мезгилдериндеги үзгүлтүксүз күргүштөгөн кирешенин булагы болуп калган. Бул күрөштөгү негизги орунду түштүк өлкөлөрүнө тери ташылып турган Улуу Жибек Жолунун түндүк салаасын көзөмөлгө алуу ээледи. Б.з. чейинки I миң жылдыктан акырында Улуу Жибек Жолунун жана Саян-Алтай менен соода жүргүзүүнүн кайсы бир бөлүгүн мамлекети өз көзөмөлдүгүнө алууга жетишкен. Түштүк Сибирдин калкынын соода, маданий, этностук жана саясий байланыштары Улуу Жибек жолунда жаткан өлкөлөр жана Борбордук Азия менен бир кыйла жанданган. Саян-Алтайга хунн акимчилиги менен кошо Борбордук Азиянын көчмөн калкы да, маданий жаңылыктар менен чет жердик буюмдар агып кирди да, алар кыска мөөнөттүн ичинде эле аймактын этномаданий жүзүн өзгөрткөн. Түштүк Сибирде хунндардын жардамы менен кытай архитектурасы, сакталган идиш-аяк, жибек, коло күзгүлөр, шурулар, нефриттен жасалган чынжыр-боолор, хань тыйындары, хунн карапалары, хунн кийимдери жана курал-жарактар пайда болгон. Археологиялык материалдар боюнча баа бере келгенде бул мезгилде Сибирдин түштүгүнүн калкынын хунндар жана Хань империясы менен байланыштары күчөгөн.

Тарим бассейниндеги Хунн мамлекетинин жана Хань империясынын Сяньбий-жужань мезгилиндеги бийлиги кулаары менен трансконтиненталдык соодадагы абал кескин өзгөргөн. Кытай жибек өндүрүүдөгү монополиядан кол жууган. Б.з. биринчи кылымдарында жибекти Чыгыш Түркстан чөлкөмүндө да чыгара башташкан. Б.з. III кылымында Борбордук Азиянын көчмөн мамлекеттериндеги сооданы өз колуна алган согдиялык көпөстөрдүн жигердүүлүгү бир топ өскөн. Бул мезгилде Орто Азия менен Түштүк Сибирдин ортосундагы байланыштар кеңейген. Саян-Алтайда полихром стилиндеги жасалгалар пайда болот. Бирок, мындай табылгалардын саны көп эмес. Талаалуу Алтайда кеңкол маданиятынын өлүк коюу салтына жакын мүрзөлөр табылган. Тоолуу жана Талаалуу Алтайдын, Туванын, Чыгыш Казакстандын калкынын курал-жарактарына Кеңкол маданиятынын таасири тийген. Тувада өлүк коюлуучу жайдын катакомба түрүндөгү коргондору таралган. Туванын катакомба эстеликтеринде четтен алынып келинген карапа идиштер кездешет. Бирок, Кытай менен болгон байланыш кейпи начарлап калган. Б.з. II-V кылымдарындагы Түштүк Сибирь эстеликтеринен бул мезгилдердеги кытай династиясынын тыйындары табылган эмес.

Байыркы жана орто кылым мезгилдеринин аралыгында Ортоңку Энесай өрөөнүнө адегенде Карашаардан түндүгүрөөктөгү «Ак Tooнун» жанында турган кыргыздар көчүрүлүп келген. Кейпи алар жужандар менен гаогюйдуктардын согушунун натыйжасында Минусага которулган же зордоп көчүрүлгөн. XV кылымдын ортосунда Евразия талаа жайыктарына Саян-Алтай кошулуп түрктөрдүн кол алдына өткөн. Биринчи Түрк каганатынын соода ишиндеги чоң жигерлүүлүктү согдиялыктар көрсөткөн. Улуу Жибек Жолунун Чыгыш Түркстан жана Теңир-Too бойлору аркылуу өтүүчү жерлердеги сооданы өз көзөмөлдүгүнө алган түрк төбөлдөрү каганат жергесине согдиялык көпөстөр алып келген жасалга буюмдарын көп сатып алуучулардан болуп калышты. Басып алуу жүрүштөрүндөгү көчмөндөр тарабынан талап-тонолгон эсепсиз байлыктар чет жерлик оокат-буюмдарга алмашылып турган. Чет элдик элчилердин жазгандapына караганда түрктүн каган ордосу байлыкка көмүлүп калган. Саян-Алтайдагы түрк эстеликтеринде жибек кийимдердин үзүк-кезиктери, тойдо урунулуучу күмүш идиш-аяктар, курлар менен басмайылдардын алтын жалатылган жана күмүш жасалгаларынын түрү, алтын жазуулар менен чегеленген четтен алынып келинген кымбат курал-жарактар, алтын жана күмүш сыргалар, коло күзгүлөр, шакектер, өтө кымбат эмес таштар менен айнектерден жасалган шурулар кездешет. Түрк эстеликтеринде Тан династиясынын кытай тыйындары көп кездешет. Түргөш каганатынын, Сасаниддик Ирандын жана Византиянын тыйындары менен жетондору аз жолугат. Маданият жагынан согдиялыктардын түрктөргө тийгизген таасири өтө чоң болгон. I Түрк каганатында согдиялыктардын жазуусу таралган. II Чыгыш түрк каганатында болсо анын негизинде байыркы түрк руна сымал жазуусу түзүлгөн, ал уйгурларда, кыргыздарда жана башка түрк тилиндеги көчмөндөрдө таралган. Көчмөндөргө, согдиялыктар аркылуу буддизм, манихейчилик, несториандык сыяктуу дүйнөлүк диндер кирген. Уйгур каганатындагы согдиялыктардын мааниси жогору болгон. Уйгур кагандары согдиялыктардан мамлекеттик манихей динин өздөштүрүшкөн. Монголия менен Тувадагы негизги уйгур чептерин согдиялыктар салган. Уйгурлардын карапачылык, устачылык жана зергерчилик өнөрүнө согдиялык усталардын таасири аябай тийген. Уйгур шаарларында согдиялык соодагерлердин, усталардын, жер ээлеринин көп бөлүгү жашаган. Кейпи, уйгур каганатынын саясий жана экономикалык турмушундагы согдиялыктардын көптүгү телес урууларындагы нааразычылыкты көбөйтүп, өз ич ара согуштарга жана каганаттын кулашына алып келген. Уйгурлардын үй куруу өнөрүндө Тан таасири да байкалат. Канондошкон манихейлик жана буддисттик символика уйгур, байыркы жана башка телес көчмөндөрүнүн торевтикасында кеңири таралган. Согдиялыктар б.з. I миң жылдыгынын акырында өзүлөрүнүн маданий борборлорун Байкал жээктериндеги курыкан жергесинде да негиздешкен.

Минуста отурукташкан кыргыздар кайсы бир мезгилдин ичинде I каганаттын түрктөрүнө көз каранды болушкан. Алар түрктөргө салык катары «өтө курч куралжарак» берип турууга мажбур болушкан. Түрктөр кыргыз жерлеринде кулдарды, аскерлерди туткундап алып турушкан. Бирок, б.з.VII кылымында кыргыздар Тан империясы менен түздөн-түз дипломатиялык жана соода мамилелерин түзүшкөн. Кыргыз элчилиги жана соода кербени б.з. VII–VIII кылымдарында көп ирет Кытайга аттарды алмаштыруу үчүн алып келишкен, ошондой эле алардын өз уруусунан колго түшкөндөрдү сатып алышкан. Мындай сооданын күбөсү катары кыргыздардын чаатас коргондорунан табылган чет буюмдарды көрсөтүүгө болот. Аларда четтен алынып келинген лакталган идиш-аяктар, алтын-күмүш табактар, кумгандар, вазалар, коло күзгүлөр, тыйындар табылган. Бул буюмдардын көпчүлүгү Энесайга Кытай менен Чыгыш Түркстандан соода кербендери менен барган. Кыргыздар Тибет менен түргөш жана карлук мамлекеттери аркылуу жигердүү соода жасап, дипломатиялык мамилелерди жүргүзүп турган. Кыргыз маданиятына түрктөр менен уйгурлардын таасири катуу тийген, аларды курал-жарактан, ат жабдыктарынан жана ошондой эле жасалгалардын окшош элементтеринен байкоого болот. Түрктөр менен кыргыздардын ортосундагы байланыштар илгертеден эле болуп келген. Б.з. VIII кылымында кыргыздар түрктөрдөн руна сымал жазууну өздөштүрүшкөн. Түрктөрдүн аскердик, саясий жана идеологиялык жактан да кыргыздарга таасири чоң болгон. Кыргыздар Борбордук Азиядагы карапачылыктын сырларын өздөштүрүшкөн. Алар ХIII кылымда торевтиканын оюу-чийүүлөрүнүн көптөгөн түрлөрүн кабыл алышкан.

Уйгурларды талкалаган соң жана б.з. IX кылымында Борбордук Азия жайыгында Кыргыз каганаты түзүлгөндөн кийин кыргыз кагандары Улуу Жибек Жолундагы сооданы өз көзөмөлдүгүнө алууга умтулушкан жана ошондой эле Тан империясына алым алуу мамилесин киргизүүгө умтулушкан. Кыргыздардын Тан империясы менен болгон дипломатиялык тыгыс байланыштары IX кылымдын 40-жылдарына туура келет. Кыргыз аскерлери дал мына ушул мезгилде Тан империясынын чектерине жакын жерлерде – Хэлочуанда, Ордосто, түштүк Манжурияда уйгурларга каршы согуш аракеттерин жүргүзүшкөн. X кылымда кыргыздар Чыгыш Түркстанда Улуу Жибек Жолундагы бир катар шаарларды басып алышып, жигердүү coгуш аракеттерин ишке ашырышкан. Бул мезгилде Энесайга тандардын өтө көп өлчөмдөгү коло тыйындары, күзгүлөрү, соконун тиштери, лак жана фарфор идиштери алынып келинген. Кыргыздар Кытайга аттар менен терилерди жиберип турган. Кыргыздардын тибеттиктер, карлуктар, орто азиялык мусулмандар менен болгон соодасы аябай эле жанданган. Тибеттен Енисейге созулган кербенчилердин соодасы уйгурлардын жерин айланып, карлуктардын жери аркылуу өткөн. Ар бир үч жылда «Дашиден» кыргыздарга 20 төөгө гүлдүү жибек кездемелер жүктөлгөн кербен жөнөп турган. Кыргыз жерлерине Тибеттен, Чыгыш Түркстандан жана Орто Азиядан күмүш идиш-аяктарды, баалуу таштардан жасалгаларды, каури үлүлүн, күзгүлөрдү, кымбат баалуу курал-жарактарды алып келишкен. Кыргыз аялдары «Аньси, Бэйтин жана Дахядан» алдырып келген «жүн менен жибек кездемелерден» тигилген көйнөктөрдү кие башташкан. Сатылып келген жана согушта колго түшкөн чет элдик буюмдардын кайсы-бир бөлүгү кыргыз улуу мамлекетинин доорундагы көрүстөн эстеликтеринде өз ордун тапкан. Кыргыздар болсо чет жерлик көпөстөргө киштердин жана башка баалуу жандыктардын терилерин, жыпарды, «хуту мүйүзүн», «худанг» жыгачын сатышкан. Булар кыштымдардан салык катары алынып турулган, Кыргыз жерлерине буюмдар менен кошо маданий таасирлер да кирген. Б.з. IХ–Х кылымдарында көп сандагы кыштымдар, түрктөр жана башка уруулар кыргыздардын курамына кирип да, сиңип да кетишкен, ошондон улам кыргыз маданияты «жалпы көчмөндүк» мүнөзгө ээ болгон. Ошол эле мезгилде кыргыз төбөлдөрү шаар курулушун, дыйканчылыкты өстүрүүгө, акча киргизүүгө аракет жасашкан. Кыргыз жерине бон, манихейчилик, буддизм сыяктуу чет элдик диндер кире баштаган.

Борбордук Азияны кидандар, андан кийин моңголдор каратып алгандан кийин б.з. II миң жылдыгынын биринчи жарымында моңгол мамлекеттеринин курамына кирген Саян-Алтайдын, Чыгыш Түркстандын жана Орто Азиянын ортосундагы соода мусулман көпөстөр тарабынан жүргүзүлгөн. Алар Энесайга парча, жибек, пахтадан жасалган кездемелерди, күмүш, айнек, фарфор идишаяктарын, күзгү, кытай тыйындарын алып келишкен. Түштүк Сибирден киштердин жана башка баалуу жандыктардын терилерин ташып кетишкен. Тувадагы моңгол шаарларында соода маданий жайлары болгон. Ал жакта мусулман көрүстөнү табылган. Б.з. II миң жылдыгынын биринчи жарымында кыргыз маданияты моңгол тилдүү көчмөндөрдүн ат жабдыктарынын, курал-жарактарынын, аскердик-саясий түзүлүшүнүн таасири астында болгон. Энесайда кеңири таралганбаганы менен моңгол жазуусу да, буддизм дини да келип кирген.

Трансконтиненталдык соода соңку орто кылым мезгилинде да Энесай кыргыздарынын Борбордук жана Орто Азия менен болгон соода жана маданий байланыштары үчүн өз маанисин жоготкон эмес.

КЫРГЫЗДАРДЫН ДИНИЙ ТУТУМУ

Энесай кыргыздарынын орто кылымдардагы дин маселеси көптөгөн окумуштууларды кызыктырып келген. Н.Я.Бичурин алардын шаманчылыгы жана Синь Таншу жылнаамаларындагы маалыматтарды айтуу менен «Мидич-жи» деген каган ордосунун аты «мечит, мусулман сарайы» дегенди билдирсе керек деп болжолдойт. Бул негизи жок божомол кийинчерээк В.Огородников тарабынан Энесайда исламдын таралышы жөнүндөгү жобону жактоо үчүн пайдаланылган.

1927-жылы ар түрдүү тилдеги жазма булактарды В.В.Бартольд жасаган талдоо аны «кыргыздар чындыгында эле шаман болушкан, ушул эле динге Абу Дулафтын намаз жана кыраат менен сүйлөө жөнүндө айткандары таандык. Башка түрктөрдөгүдөй эле кыргыздарда дагы шамандыкты тактоо үчүн «кам» сөзү пайдаланылган; Энесай жазууларында (ошондой эле орхон жазууларында) бул сөз кездешпейт, бирок ал сөз Тан-шунун кыргыздар жөнүндөгү аңгемесинде жолугат. Баарынан да кызыгы буддисттер (тибеттиктер) жана мусулмандар менен соода байланышы болгон кыргыздардын арасындагы буддисттик же мусулмандык үгүт-насыяттын кур таралышы жөнүндөгү кандайдыр бир кабарлардын жоктугу Кыргыздардагы тотемдикти жана Умай маданиятын А.Н.Бернштам белгилеп көрсөткөн.

Бул маселеге С.В.Киселев кеңири токтолгон. Тан жылнаамаларындагы кыргыздардын шаманчылыгы туурасындагы маалыматтарды мисал келтирип, ал «кыргыздардын буддизмди жана мусулманчылыкты кабыл алган элдер менен болгон тыкыс байланышы алардын дин чөйрөсүндө да өз изин калтыргандыгы чындык» деп сактык менен белгилейт. Ал өз оюн кыргыздардын «кудайга сыйына турган үйү бар», алар «намаз учурунда кырааты менен сүйлөгөндү билишет» жана түштүктү беттеп намаз окушат деген Абу-Дулафтын маалыматтары менен бекемдейт. С.В.Киселев бул маалыматтарды мамлекеттин түзүлүшү менен байланышкан кыргыздардын диний ырым-жырымдарынын татаалдашы катары адилет баалайт. Бирок,

С.В.Киселевдун ою боюнча кыргыздардын өздөрү жетишкен социалдык өнүгүштүн деңгээлине дал келген кайсыбир динди кабыл алышы жөнүндөгү ачык маалыматтар жок. Ал Энесайга буддизмдин кириши жөнүндөгү маалыматтардын жок экендигине каршы эмес. Ал тарабынан белгиленген жалгыз гана эстелик б.з. IV–VI кк. таандык Батени айылынан табылган колодон куюлган Будданын, бодисатванын жана арстандын айкөлдүк тобу. Бирок, андагы иероглифтер жана уйгур жазуулары бул айкөл кыргыздарга уйгурлардын IX кылымдагы жемиштүү согуштан соң колго түшүрүлгөндүгүн болжолдоого мажбур кылат. С.В. Киселевдун ою боюнча бул туурасында так маалыматтар болбогон менен кыргыздарга исламдын кириши ишеничтүүрөөк. Ал кыргыздардын мечити бар деген Н.Я.Бичурин менен В.Огородниковдун пикирин сынга алган. Бирок, исламдын кыргыздарда тараш мүмкүндүгүн четке каккан жок, анткени Тувадагы С.А.Теплоуховдун жазууларынын жүрүшүндө мусулман мүрзөлөрү табылган.

Бул маселени изилдөөдөгү жаңы багытты 1959-жылы Суджин руна сымал жазуусун жаңыча түшүндүргөн С.Г. Кляш торный сунуш кылды. Ал «IX кылымдын ортосунда же кичине мурдараак кыргыз ак сөөктөрүнүн арасында, андан соң кеңири чөйрөдө христианчылыктын несториандык агымы кеңири таралган», бирок ал жергиликтүү шамандыкты сүрүп чыгарган эмес» деген жыйынтыкка келген. Автордун ою боюнча несториандык кыргыздарга карлуктардан келип кирген, буга алардын бекем бирдиги жана уйгур-манихейлер менен болгон согушу «кыргыз ак сөөктөрүнүн несториан устаттарынын миссионердик ишмердигине сыйлоо менен болгон мамилеси сыяктуу саясий себептер алып келген. С.Г.Кляшторный айрым кыргыз тамгаларын «Голгофанын белгиси» болгон кресттер катары түшүндүргөн, а Камен алдындагы сүрөттөрдүн айрымдарын несториандык диний кишилердин сүрөтү катары түшүндүргөн. Кийинчерээк, тепсей сүрөттөрү ачылгандан кийин Камен алдындагы сүрөттөрдүн таштык маданиятына таандык экендиги белгилүү болду.

Бирок, Энесайдагы несториандык жөнүндөгү пикирди

Е.И.Кычанов колдогон. Ошол эле кезде С.Г.Кляшторныйдын өзү «Энесай таштарындагы кыргыз жазууларынан» «буддисттик далилдерди» тапты. Л.Г.Нечаева биринчи жолу кыргыз торевтикасындагы бутпарастык белгилерди» көрсөттү. Кийин бул пикирди Л.М.Хаславская, Ю.С.Худяков, Г.Г.Kopoль, Н.В.Леонтьендер колдоп чыгышты. С.Г.Кляшторный менен Е.И.Дубо-Лесниченконун эмгектеринде Чыгыш Түркстандык буддисттик кыргыз жазуулары белгиленген. Д.Р.Кызласов кыргыздардын диний көз караштарын мүнөздөп келип кытай жана мусулман авторлорунун маалыматтарын күбө тартат. Суджин жазууларындагы «марамыз» терминине жана Абу Дулафтын намаз жана кырааты менен сүйлөө жөнүндөгү маалыматтарына таянып, ал кыргыздарда IX кылымда манихейчилик таралгандыгын, ал кийинчерээк шаманчылык менен сүрүлүп чыккандыгын божомолдойт. Түштүк Сибирь торевтикасындагы манихей символикасы Ю.С.Худяковдун эмгектеринде белгиленген.

Сaглын өрөөнүндөгү коргондордон А.Д.Грач тарабынан табылган кайың кабыгындагы тибеттик шаман дубалар кыргыздардын дини жөнүндөгү маалыматтарды байытты. Кыргыздардын тибеттик бон дини менен тааныш болушу толук ыктымал. М.И.Воробьева-Десятовскаянын ою боюнча Саглан өрөөнүндө табылган жазуулар кыргыздар Тибетте таралган шайтан-шабырларды кубалоо сыяктуу ырым-жырымдарды билишкендиги туурасында күбөлөп турат. Кыргыздардын диний көз карашы жана ырым-жырымы IX кылымдын ортосунда аскерлери Уйгур каганатын талкалап, Борбордук Азия мейкиндигине кирип келгенде кытай жылнаамачыларынын көңүлүн өзүнө бурат. Кыргыз каганаты менен Тан империясынын ортосундагы элчиликтерди алмашуу сыяктуу бекем байланыштар IX кылымдык 40-жылдарына туура келет. Тан жылнаамачыларына дал мына ушул мезгилде кыргыздардын Синь Таншуда жазылган ырым-жырымдары жөнүндө белгилүү болуп калды. Бул маалыматтар өтө кыска, «Талаада Курмандык чалышат» курмандык чалуунун так убактысы жок. Шамандарды гань (кам) деп коюшат». Мисал келтирилген маалымат кыргыздардагы курмандык чалуунун ырым-жырымдары бар экендигинен эч бир күмөн туудурбайт. Ачык талаадагы курмандык чалуу бул каада-салттарга кишилердин көбүрөөк чогулушун болжолдойт. Балким бул уруулар менен элдердин баарысынын Минусин ойдуңундагы этнографиялык мезгилинде белгилүү болгон баатырлардын көккө курмандык алып келүү сыяктуу диний майрамдары болгон болуу керек. Тан жылнаамачыларынын өзгөчө көңүлүн элдин ырым-жырымдарды өткөрүүсү жана шамандык бүбүбакшылыгы да бурган эмес. Алар келтирген маалыматтар толук эмес. Кыргыздардагы шаманчылык жөнүндө XI кылымдагы мусулман Тардизи кененирээк жазган: «Алардын ичинде фагминундар деген кишилер бар; алар жыл сайын кайсы бир так мезгилде ырчы-чоорчулардын баарын ээрчитип келишет да, шатыра-шатман тойго керектүүнүн баарын сатып алышат. Музыканттар ойной баштаганда фавинундар эстен танып жыгылышат; мындан соң алардан келерки жылда: тартыштык же кененчилик, жаанчыл же кургакчылык, душмандардын кол салышы, коркунуч жана коопсуздук туурасында сурашат. Алар баарын айтып берет, көпчүлүк учурда баары тең дал ошол айткандай болот». Чоор менен барабандын үнү коштогон шамандын шалкылдаган бийи, арбактар менен «сүйлөшүүсү», күн мурунтан айтуусу Сибирь менен Борбордук Азиянын түрк тилдүү элдеринин шамандык ырым-жырымдары менен көп жагынан окшош келет. Балким, кыргыз шамандары дарыгерлик да кылган болуу керек, бирок бул туурасында айтылган маалыматтар жок.

Кыргыздардагы шаманчылык кийин деле болгон, ал шамандар-фагинундар жана алардын алдын ала айтуусу жөнүндөгү XII кылымдагы Марвазинин маалыматтары менен бекемделет.

Узак кылымдар бою кыргыз чөйрөсүндө сакталган шаманчылыктын каада-салты материалдык маданиятта чагылышы керек болчу. Бирок сибирлик шамандар үчүн көндүм болгон тыш шаман ырым-жырымдарына мүнөздүү кийимдердин жана баш кийимдин темир-тесектери, илмектер, барабан менен шакылдактардын бөлүктөрү кыргыз эстеликтерин казуу учурунда табылган эмес. Муну ар кандай түшүндүрүүгө болот. «Аркы дүйнө» менен сүйлөшө алган шамандарды уруулук же аскердик мүрзөлөргө эмес, алысыраак, киши жете алгыс, жетүүгө оор жерлерге коюшкан. Кай бир элдердин түшүнүгү боюнча шаманчылык буюмдары өлгөн шаманды мүрзөгө узатып барууга тийиш эмес болгон, анткени, ал аларды тирүү калгандарга карата колдонбосун дешкен. Бул буюмдар жаңы шаманга берилген.

Кыргыздардагы шаманчылык ырым-жырым соңку Сибирь шаманчылыгы үчүн мүнөздүү болгон эмес, жаа менен жебе, cooт чопкуттар, кылыч, асаба, камчы, чырактар, суу куюлган кесе, жыгач куурчак сыяктуу буюмдарды колдонуу менен жүргүзүлгөн. Минусин ойдуңунда капыстан табылган буюмдардын ичинде чынжырлар, шалдырактар, учуп бараткан куш-балык кейпиндеги чынжырлар, б.з. IХ–Х кылымдарына таандык. Бул буюмдардын өзүнчө бир ырым-жырымдык милдети болгон.

Гардизи жазгандай: «алардын айрымдары yйга сыйынышкан, айрымдары – шамалгa, үчүнчүлөрү – кирпичеченге, төртүнчүлөрү – сагызганга, бешинчилери – шумкарга, алтынчылары – бакыбат дарактарга сыйынышкан». Бул жерде сөз кыргыздардын айрым бир уруулары менен уруктарынын тотемдери жөнүндө бара жатат. А.Н.Бернштамдын ою боюнча кыргыздардын тотемдик көз караштары айрым бир руна сымал жазууларда чагылган. Бегреден табылган эстеликте баатырдын атынан мындай деп айтылат: «Жети карышкырды жайладым, илбирс менен бугуну өлтүргөн жокмун». Карышкыр түрктүн ашина каган уруусунун, илбирс болсо, кейпи кыргыздын иди каган уруусунун тотеми болгон болсо керек. «Илбирс» деген уруунун б.з. VIII кылымындагы жазуулар боюнча белгилүү атактуу Барсбек каганды кошуп, кыргыздын белгилүү ак сөөктөрүнүн айрым өкүлдөрүнүн атынан курамына кирген. Руна сымал жазууларда кыргыздардын кудайларынын ичинен «Теңир» (Көк) же «Көк Теңир» (Как асман) баарынан көбүрөөк учурайт.

Элегестин руна сымал эстелигинин каарманы «Күн менен Айды көк асмандан»… сезбей калдым деп санаага батат. Бул айтылганды «көрүстөн поэзиясынын» насыяты катары кабылдоонун кереги жок болсо керек. Бул андан керек күч-кубаты теңдешсиз «Көк Теңир» өкүм сүргөн жана Күн менен Ай жанып турган көктөгү кудайлардын ичиндеги тирүүлөрдүн дүйнөсүнөн өлүүлөрдүн жер алдындагы капкараңгы падышачылыгына өтүү жөнүндөгү көз караш. Тувадан табылган экинчи эстеликтин каарманы: «Менин асманым (кудай) бизге чатыр» дейт. Кыргыздардын жогорку кудайынын түрктөрдүкүнө окшош экендигин байкоо кыйын эмес. Байыркы түрктөрдө ал андан да тагыраак. «Үстүбүздөгү Асман (ушинтип) уруксат кылды…» – деп айтат, б.з. 711-жылында Тоньюкук, Култегин жана Могиляндын аскерлеринин ичиндеги кыргыздарга жортуулга чыккан түрк аскеринин урматына орнотулуп коюлган Уйбаттагы үчүнчү эстеликтин каарманы.

Руна сымал жазуулар кыргыздардын да бир башка кудайы Умай жөнүндө кабар беришет, ал жөнүндө Алтын-Көлдөгү эстеликте мындай деп жазылган: «Умай-бек бул биздин атабыз, биз – укум-тукумдуу баатыр эрбиз». Мындай окшоштуруунун маанилүүлүгүн аз мезгилинде А.Н.Бернштам белгилеген. Умайдын түр-түспөлүн байыркы түрк материалдары боюнча Г.В.Длужневская тарабынан калыбына келтирүүгө үч мүнөздүү баш кийимчен аялдын кейпинде жасалган аракет кыргыздардын аскаташтардагы, анын ичинде Сүлөк сүрөттөрүндөгү стилистикалык жактан жакын сүрөттөрдү көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыздардын руна сымал жазуучуларында айрым окумуштуулар тарабынан кудай катары түшүндүрүлгөн байыркы түрктөрдөгү «Жер-Суу» – «Ыйык жер-суу» (Мекен) туурасындагы эскертүүлөр бар» Кыргыздардан диний көз караштарындагы маанилүү орунду байыркы түрктөрдүкүндөй эле «от» ырым-жырымы ээлешсе, «От» тазалагыч күчү бар ыйык нерсе катары кабыл алынган дал ушундан улам өлүк коюу салтында өзгөчө мааниге ээ болгон. Синь таншуда жазылгандай кыргыздар «сөөктү үч жолу ороп ыйлашат да» анан өрттөшөт, жыйналган сөөктөрдү бир жылдан соң көмүшөт. Андан соң белгилүү төрөлөр да үн чыгарышат.» Тайпин хуань-юйцзиде: «Сөөктү өрттөп, сөөктөрдү чогултуп алышат, бир жыл өткөндөн кийин гана дөбөнү үйүшөт», – деп жазылган. Худуд-ал-Ааламда болсо: «Алар отко сыйынышып, өлүктөрдү өрттөшөт» делген. Гардизи да ал жөнүндө минтип кенен жазган: «Кыргыздар да индустар сыяктуу эле өлүктү өрттөшүп мындай дешет: «Оттон таза нерсе жок, отко түшкөндөрдүн баары тазаланат; өлгөндөрдү от кирден жана күнөөдөн тазалайт» Бул жөнүндө Марвази жана Ал-идриси да минтип жазышат: «өлгөндөрдү өрттөө салты бар, от аларды тазалайт деп. Бул алардын байыркы салты». Бул маалыматтар Энесай кыргыздарынын өлүк коюу салты менен туура келет» VI–XVII кылымдарда Энесай кыргыздары өлгөндөрдү өрттөп, чогулган күлдү бир аз мезгил өткөндөн кийин мүрзөгө же мүрзөнүн топурагынын алдына коюшкан. Балдар менен өспүрүмдөрдүн сөөгүн мүрзөгө өрттөбөй коюшкан. Кейпи, кыргыздардын көз карашы боюнча күнөө кылганга үлгүрбөгөн балдар менен өспүрүмдөрдүн сөөгүн өрттөп тазартуунун кажети жок болгон. Тазартуунун сөзсүздүгү тиги дүйнөнүн бар экендиги жөнүндөгү диний көз караштын бардыгын болжолдойт, ага жетиш үчүн сөзсүз түрдө тазартуу үчүн ырым-жырымдары жасаш керек болгон. Кыргыздар менен байыркы түрктөрдүн диний тутумдарынын окшоштугу маданияттын жакындыгы, байланыштардын көптүгү байыртан берки келаткан алакалар жана кыргыздардын түрктөрдүн I жана II каганаттыгына көз карандылыгы менен түшүндүрүлөт. Кыргыздар маданияттын ар кандай чөйрөсүндөгү алыш-бериштер менен катар эле түрктөрдөн б.з. VIII кылымында Энесайда пайда болгон эскерүү ырлары жазылган таш балбалдарды орнотуу салтын үйрөнүшкөндүгү ыктымал. Адегенде эстелик милдетин гана аткарган руна сымал жазууларды да өздөштүрүшкөн.

Түрктөрдүн таасири мамлекеттик бийликти кудайдын деңгээлине чейин жеткирүүгө алып келди. «Көктөгү эл» – кудайдын мамлекети кыргыз каганатын көптөгөн эпитафиянын каармандары ушинтип аташат. «Менин атым Эль Туган тутук. Мен менин кудай сүйгөн мамлекетимдин элчиси болгом», – дейт Уюк-Тарлыктагы жазуунун каарманы. «Мен кудай сүйгөн мамлекетке кумарым канган жок», – деп аны Уюк-Турандын жазуусундагы каарманы Учин Кулиг Тириг кайталайт. «Кудай сүйгөн мамлекетке менин кошкон пайдам (душмандардын) тогуз кишисин өлтүрдүм», – деп мактанат Кызыл-Чиралык жазуунун каарманы.

Мамлекет түзүлө баштаган доор үчүн мүнөздүү мындай жазуулар ак сөөктөрдүн өздөрүнүн жогорку абалын идеологиялык жактан негиздөөгө болгон аракетти көрсөтөт. Бирок, мурдагы ырым-жырымдардын каада-салтын жаңы шарттарга ылайыкташтыруу оңой болгон жок, ошондуктан IХ–Х кылымдарда кыргыздардын ак сөөктөрү башка жерлердеги диндерге көңүл бура башташкан. Бул мезгилдердеги диний изденүүлөрдүн мүнөзү көп деле түшүнүксүз бойдон кала берүүдө. Абу Дулаф белгилегендей: «IX кылымда кыргыздарда сыйынуу үчүн сарай жана жаза турган камыш болгон. Акылдуу-эстүү, сак эл. Чырактарын жаккан соң өздөрү өчүп калмайынча тийишпейт. Намазды өтө кырааты менен окушат… Жылына үч майрам болот. Алардын асабасы жашыл түстө. Түштүктү беттеп намаз окушат. Сатурн менен Венера планеталарына сыйынышат, Марсты жаман жышаан катары карашат». Диний татаал ырым-жырымдарды чагылткан бул маалыматтарды албетте кайсы бир өскөн диндердин ырым-жырымдары менен окшоштурушса болот, бирок эски теңир кудайынын негизинде эле жаңы киргизилген ырым-жырымдар жөнүндө сөз болуп жатышы да мүмкүн.

Л.Р.Кызласов бул үзүндүдө сөз кыргыздардын манихей-чиликти кабыл алуусу жөнүндө бара жатат деп эсептейт. Бул оюн бекемдеш үчүн ал Суджин жазууларында кездешкен «марамыз» – устаттар, динди окутуучулар деген сөздү келтирет да, Минусин ойдуңунда табылган бөлүнмө чыракты эске салат.

«Map» сөзү руна сымал жазууларда көп кездешет, «Устатыма мен жүз эркекти жана жер бердим», – деген Суджин жазуусунан бөлөк ал сөз Уюк-Аржандын эстелигиндеги текстте да эскерилет: «Менин жолдошторум, биздин устаттар, менин баатыр атым «Жаш Ак баш» (жаш ак баш же жаш «Чачы агарган баш»). С.Е.Малов түшүндүрмөдө мындай деп белгилейт: «Мар христиандык жана манихейлик согди дин устаттарынын наамы», «Ак баш» ысмы болсо Жети суунун христиандык-сириялык эстелиги «Акпашта» кездешет. Уйгур каганатындагы үстөмдүгү бар динди кармоочу манихей диний коомунун диний ашынуучулугу жана терсаяктыгы манихей динин үгүттөөчүлөрдүн уйгурлардын «эзелтен» берки жоосу кыргыздарга болгон мамилесинен көрүнүшү керек болчу. Бул кыргыздардын ичинде манихейликти үгүттөөнү татаалдаштырмак. Бирок, кыргыздар Борбордук Азияны каратып алгандан кийин абал өзгөрдү. Манихейчиликтин Саян-Алтайда таралышынын күбөсү болуп көптөгөн канондук белгилери бар курлар жана ат жабдыктардын темир-тескектери эсептелет. Манихей дининин эрежелери боюнча бейпилдиктин жашашынын негизин Жарык менен Караңгынын, рух менен материалдык башталыштардын күрөшү түзөт. Канондук символдогу «баарын жеңүүчү Жарыктын» чагылышы болуп күн нурлары менен жалындын сүрөтү эсептелет. Мындай орнаменталдык кайрыктар, б.з. I миң жылдыгынын акырында Түштүк Сибирдин торевтикасында өтө кеңири таралган. Мындай символикалуу темирлер уйгурлардын, байыркы түрктөрдүн, кыргыздардын эстеликтеринде кездешет. Кыргыздардын арасындагы манихейчиликтин таралышына кыргыздар тарабына өтүп кетип, согуштагы алардын жеңишине шарт түзгөн кол башчы Гюйлу Мохэнин жан-жөкөрлөрүнүн ичиндеги уйгур-манихейлер да шарт түзүшү мүмкүн.

Ушул эле символдун өзү буддисттик искусстводо «от жанган берметтин» сүрөтү катары да белгилүү. IХ–Х кылымдардагы кыргыз торевтикасында башка буддисттик символдор да кеңири таралган: «бакыт түйүнү», «анжыр гүлү», «лотос» жана башкалар. Жазма булактарда буддизмдин кыргыздардын арасында тарагандыгынын түздөн-түз күбөлөрү бар, ал дин IX кылымда Чыгыш Түркстанга кирген. Дуньхуанда тибет жазуусундагы буддисттик тексттер табылган. «Кыргыз өлкөсүнүн хан үйүнүн» өкүлүнүн суроосу боюнча жазылган Яр-Хотодо үңкүр боорунда Чыгыш Түркстанга кирген кыргыздардын руна сымал жазуусу табылган. Энесайлык руникалык жазуусу бар коло күзгүнүн теги да Чыгыш Түркстандан болот. Мунун баары буддизм IХ–Х кылымдарда кыргыздардын арасында кеңири таралгандыгынан кабар берет.

Кыргыз каганатынын Тибет менен болгон аскер бирдиги кыргыздардын ичине тибеттиктердин бон дининин киришине мүмкүндүк түздү. Туванын түштүгүндөгү IХ–Х кылымдардагы кыргыз көрүстөнүндө табылган жин-шайтандардын аты жазылган «кайыңдын кабагындагы» жазуулардын бөлүктөрү бул динди кыргыздардын айрым-бир бөлүгүнүн кабыл алышы жөнүндө айтып турат.

Чыгыш Түркстанда кыргыздардын каратып алышы аларды Орто Азиядагы мусулман мамлекеттери менен коңшу кылып койду. Өнүккөн орто кылым мезгилинде чыгыш түркстандык кыргыздар Саян-Алтайдан кол үзгөн ислам таасирине абдан катуу туш болушту. Алар «мусулман коңшуларынын» таасири астында салтка айланган өлүк өрттөөдөн баш тартышып, жерге көмө башташты. Кыргыздардын ичинде мусулмандардын аттары коюлган кишилер пайда боло баштады. Б.з. II миң жылдыгынын ортосунда кыргыздардын жолбашчысы Мухаммед деген киши болгон. Б.з. II миң жылдыгынын ичинде Теңир Тоодогу (Тянь-Шандагы) кыргыздарды мусулмандаштыруу болуп өткөн.

Ошол эле мезгилде энесайлык кыргыздар XVIII кылымдын башына дейре шаман бойдон да калышкан. Монголдордун таасири менен аларга ламаизм да кирет. Бирок, 1703-жылы Жунгарияга күчтөп көчүрүлүп кеткенге чейин кыргыздар шаманчылыкты кармап кала беришкен.

КЫРГЫЗДАРДЫН АСКЕР ИШИ

Энесайлык кыргыздардын аскер иши алардын Минусин ойдуңундагы мамлекети жоюлуп, жок болгондон көп өтпөстөн, б.а., XVIII кылымдын башталышында эле окумуштуулардын баамына урунган. Орто кылымдарга мүнөздүү курал-жарактардын айрым турмандары, кыргыздардын жоого маш келгенин, алардын түрктөр-уйгурлар жана монголдор менен кагышып-чабышканын баян кылган жазма даректердеги маалыматтар изилдөөчүлөрдү кызыктырган. Музейлик коллекциялар бара-бара көбөйүп, топтоло берген, акырында курал-жарак табылгаларын санжаптап, изилдеп чыгуунун зарылдыгы пайда болгон. XIX кылымдын этегинде жана XX кылымдын баш ченинде Минусин менен Красноярскинин музейлеринде сакталып турган курал-жарак турмандарын негиз кылып, бул ишке адеп Д.А.Клеменц менен В.Г.Карцов киришип көрүшкөн. Бирок ал кезде музейдеги коллекциялардан кайсы куралжарактар кыргыз маданиятына тиешелүү экенин так аныктоо кыйын болчу. Бул 1929-жылы С.А.Теплоухов кыргыз маданиятынын эстеликтерин өзүнчө жоромолдоп, аларды эн белгилери боюнча ажыратып бөлүп чыккандан кийин гана анык болду. XIX–XX кылымдарда В. Шотт, Н. Я. Бичурин, В. Радлов, В. В. Бартольд жана башка окумуштуулар кыргыздардын аскерий тарыхы жайында кытай, араб-фарсы жана уйгур-түрк жазма даректеринде айтылган маалыматтарды жалпылап, которуп чыгышты. Кыргыз жоокеринин сөлөкөт-сүлпөтү чегеленген аска таштагы сүрөт-чиймелерди И.Р.Аспелин менен Я.Аппельгрен – Кивало таап, китеп кылып чыгарышты.

Мунун баары 40-жылдары А.А.Евтюховага кыргыздардын аскер иши жөнүндө биринчи жыйынды очерк жазууга мүмкүндүк берген. Очерк автордун Абакандан чыккан китебине кирген. Ал үзүл-кесил маалыматтарды камтыган кыска очерк болчу. Андан кийин 50–60-жылдары археологдордун Тувада жана Минусинде жүргүзгөн иштеринин натыйжасында материалдык дарек-далилдердин чөйрөсү олуттуу түрдө кеңейип, аларды санжаптап түркүмгө келтирүүгө, жалпылап чыгууга мүмкүнчүлүк ачылды. Эзелки көчмөндөрдүн: скифтердин, сарматтардын, татар маданиятынан тараган этностук тайпалардын, ошондой эле Байыркы Рустун аскерий тарыхын иликтеп үйрөнүүнүн мисалдары мындай изилдөөнүн маанилүү экенин көрсөттү.

70-жылдардын башталышында ушул эмгектин автору (Ю.Х.) кыргыздардын курал-жарактарын иликтеп-изилдөө менен аралаша баштады. Адегенде орто кылымдарда Евразиянын бүткүл талаа-түзөңдөрүн тургундап өткөн көчмөндөрдүн аскер ишиндеги өзгөчөлүктөр көчмөн цивилизациясынын түзүлүү мыйзам ченемдери каралган болучу. Бирок материалдарды талдоого ала келгенде көчмөндөрдүн аскер ишин изилдеп-үйрөнүү үчүн алды менен аналитикалык модел зарыл экендиги, ошондо гана бүткүл көчмөн дүйнөдөгү аскердик иш-аракеттерге туура иликтөө жүргүзүүгө боло тургандыгы айкын болду. Муну болсо аскер иши өнүгүп, жайкын өрүшкө жеткен, өзүнчө алынган бир маданияттын мисалында гана түзүүгө болот эле. Ошентип энесайлык кыргыздардын курал-жарактары менен аскердик өнөрү изилдөөнүн башкы бутасы катарында тандалып алынды. Буга бир нече негиздүү себептер бар эле, биринчиден, кыргыздардын курал-жарак комплекси жогорку деңгээлде өнүгүп, жоо шаймандарынын бардык негизги түрлөрүнөн турган, мунун өзү алардын өнөгөсүн түзүүгө мүмкүндүк бермек; экинчиден, эстеликтердин негизги чордону түштүк Сибирдин оңтойлуу аймактарында жайгашкандыктан изилдөө үчүн ыңгайлуу эле; үчүнчүдөн, жазма даректерден улам белгилүү болгон кыргыздардын өлүктү өрттөп көмгөн салтына карап, ал эстеликтердин кыргыз маданиятына таандык экенин ишенимдүү түрдө аныктаса болмок. Айтор, маселенин канчалык деңгээлде изилденген абалын талдап-таразалап чыгып, буга чейинки изилдөөчүлөрдүн салымына баа берүүгө жана алдыда жүргүзүлө турган иштердин милдеттерин так аныктоого мүмкүндүк ачылды, атап айтканда, курал-жарактар боюнча материалдарды санжаптап чыгуу, куралдарды түпкү үлгүсү жагынан түркүмдөп бөлүү, согуштук шайман-жарактардын өнөгөсүн үзүү кыргыздардын аскерий уюмдашуусун, аскерий өнөрүн аныктап, алардын тарыхындагы калабалуу окуяларды тактоо зарылдыгы келип чыкты. Адепки жылдарда музейде топтолгон материалдар изилденип, энесайлык кыргыздардын миздүү куралдары, зоот-чопкуттары, жалпы эле жоо-жарактары боюнча маалыматтар жалпыланды. 1975-жылдан тартып, кыргыздардын Минусин өрөөнүндөгү эстеликтерин план ченемдүү изилдөө башталды. Анын жүрүшүндө кыргыз жоо-жарактарынын чоң коллекциясы жыйналды. Тувада жана Минусинде жүргүзүлгөн археологиялык казуу иштеринин натыйжасында алынган жаңы табылгалар талдоодон өткөрүлүп, кыргыздардын жаалары, сыр жебелери, найзалары кантип өнүгүп, өзгөрүп тургандыгы иликтенди; кыргыз жоокерлери урунган жоо жарактардын түпкү түспөл-турпаты сомолонуп, кыргыздардын аскерий уюмдары кандай түзүлүштө курулганы, алардын аскердик өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталды. Жазма даректердеги маалыматтарды иликтеп-изилдөөнүн аркасында калабалуу окуялардын ырааты, IX кылымдагы кыргыз-уйгур чабышындагы согуштук аракеттери кантип өнүгүп, кандайча өөрчүп отурганы такталды. Кыргыздардын жоо жарактарынын негизинде автор (Ю.Х.) тарыхый курал иликтөөнүн теориялык жана методикалык маселелерин, анын ичинде курал-жарактарды түркүмдөө ыкмаларын аларды белгилери боюнча санжаптоонун жолдорун, чен бирдигин иштеп чыкты. Мунун жыйынтыгы автордун 1980-жылы жарыкка чыккан илимий эмгегинде баяндалды. Китепте курал иликтөө ишинин милдеттери айкындалды; маселени изилдөө тарыхы каралды; бетме-бет келип, окчун туруп салгылашкан уруштарда колдонулган куралдар менен коргонуу жабдыктары талдоого алынды. Кыргыздардын VI–XII кылымдардагы жоо жарактарынын түпкү уңгусу кайра соколонуп, аскерий уюмдардын түзүлүү тартиби, согушуу ыкмасы, аскерий тарыхы жайында кеп козголду. Бул китеп адистердин жакшы пикирлерине арзыды.

Бирок аталган китеп менен маселени толук изилденип бүттү деп эсептөөгө болбойт.

Кийинки жылдарда жүргүзүлгөн казуу иштеринин аркасында даректүү маалыматтар бир топ кеңейди. Кыргыз маданиятынын эстеликтери Батыш Сибирден, Алтайдан, Казакстандан, Монголиядан, Байкалдын жака-белинен жана андан аркы аймактардан табылды. Волга (Эдил) боюндагы жана Сибирдеги көптөгөн музейлерден кыргыздарга тиешелүү курал-жарактардын коллекциялары айкындалды.

Омскидеги, Бийскидеги жана Иркутскидеги музейлердин фондусунан аныкталган кыргыз курал-жарак табылгаларын автор илимий изилдөөлөрдүн энчисине киргизип, Табат дарыясынын капчыгайынан табылган жоожарактарды өзүнчө түркүм кылып жарыялап чыгарды. Аталган жаңы маалыматтар орто кылым  доорунда Түш түк Сибирди жана Борбордук Азияны жердеген көчмөн калктардагы аскерий-согуш иштеринин өнүгүшүндөгү мыйзам ченемдүүлүктөрдү талдап көрсөтүүгө арналган эмгекте келтирилди. Салыштырмалуу талдоо көрсөткөндөй, IX–X кылымдарда өнүгүү деңгээли жагынан кыргыздардын аскер иши башка көчмөн маданияттарга караганда артыкчылык кылган.

Азыркы учурда кыргыздардын аскер иши боюнча жыйналган бардык материалдарды, анын ичинде эрте жана өнүккөн орто кылым мезгилине таандык маалыматтарды жалпылап чыгуу зарылдыгы келип отурат.

Биздин заманга чейинки I миң жылдыктын соңунан биздин замандагы I миң жылдыктын орто ченине чейинки мезгилдеги, б.а., кыргыздар Чыгыш Түркстанды мекендеп, кунндар жана жужандар менен согушуп, гаогюй динлиндери менен союздук алакада турган кездеги кыргыздардын аскерий иштери, алардын өзгөчөлүктөрү изилденбеген бойдон калып келатат. Анын үстүнө эртеги кыргыздардын – гяньгундардын археологиялык эстеликтери азырга чейин табыла элек.

VI кылымдан тарта кыргыздар Саяндын түндүк тарабындагы Ортоңку Энесай чөлкөмүн байырлай баштаган, Кыязы, алар Минусин ойдуңуна V кылымдын этегинде, VI кылымдын башталышында ооп келген шекилдүү. Болжолдо, буга динлиндер менен гяньгундар бир жаат болуп жужандар жана түрктөр менен жоолашкан уруштардын капшабы тийген болсо керек. Ушул мезгилден тартып, бүткүл орто кылым доору ичинде Энесайда кыргыз маданияты, кыргыз этносу менен мамлекети жашап турган. Ал өзүнүн өнүгүшүндө бир нече тарыхый доорлорду баштан кечирген.

Чаатас доорунда, б. a. VI–VIII кылымдарда кыргыздар Минусин ойдуңунун талаа-түзөңдөрүнө жайылып тарап, бекем байыр алып калган этностук тайпаларды баш ийдирип, өздөрүнө букара кылган, энчилүү мамлекетин түзгөн Мамлекет башчысын алар элтебер, ажо, тегин деп атап, кай бирде каган наамын беришкен.

Алеңгир иймек жаа, жазы калкан, үч кырдуу сыр жебелер кыргыз жоокеринин негизги жоо-жарагы болгон. Кармаганга оңтойлуу болушу үчүн жаанын эки учун жана ортоңку иймегин каңылтыр менен капташкан. Саадактарга ашталган темир тыктар кылоолоп курчутулуп, кууш же жазы капталдарына майда көзөнөкчөлөр, шиш бүдүрлөр жасалган. Мындай жебелер атканда алыска кетип, дал тийген. Ат үстүндө баратканда жоокерлер алардын учун төмөн каратып, кайыңдын кабыгынан жасалган саадак кантарга салып, киселүү куруна асып, белине байлап жүрүшкөн.

Аламан жапырыкта, жиреме чабуулда кыргыздар шыргый саптуу сыр найза, эки миздүү селебе кылыч, тинте, айбалта колдонушкан. Найзанын тыгы темирден кылоолонуп сүйрү келген, аштоосу узун болгон, кылыч менен тинтенин сабына тээк жасалган, айбалтанын миз жагы кууш, уңгусу бийик болгон. Мындан тышкары кыргыздар бетме-бет уруштарда бир миздүү кыңырактарды, сабы миз жагын көздөй саал ийилген сүмбөдөй түз канжарларды пайдаланышкан.

Найза же жебе өтпөсү үчүн кыргыз жоокерлери зоот кийинген, аны майда чарчы темир төңөлүктөрдөн арчындап, ашташтырып жасашкан. Андан бөлөк туткалуу карыпчы, калкан алып жүрүшкөн, башына туулга кийишкен.

Жоокер кыштымдардын жоо-жарагы жеңил болгон, алар негизинен, иймек бел жаа, үч капталдуу темир кыйгактуу жана сүйрү сөөк тыктуу саадактар, тинте менен куралданган. Кыштымдар негизинен, жаа аткыч атчандардын кошуунун түзгөн.

Кыргыздардын аскери VI–VIII кылымдарда уруулук принцип боюнча куралган. Ар бир уруунун, ар бир оолаттын өзүнчө сардары болгон, бектер да өздөрүнчө кошуун кармаган. Алардын баары биригип кыргыз черүүсүн түзгөн. Атчан жоокерлер уютку аскер деп эсептелген. Аскерлер түркүмү боюнча бөлүштүрүлгөн эмес жана сан жагынан да бир кылкалык сакталган эмес. Эреже катары уруулук түркүмүнө карап бөлүнгөн мындай кошуундун биримдиги, тартип-тарыйкасы да анчейин бекем болмок эмес. Аскерлердин жоого туруштук кылышы көп жагынан биринчи чабуулдун ийгилигине жараша чечилген. Казатка кирердин алдында азар-түмөн колду бир ыраатка салып тизип, айрым сардарларды ыңгайлуу жерлерге жайгаштыруу – аскер башчынын негизги озуйпасына кирген.

Сап-сап болуп чачырап сыдырга жүрүү – согуш жүргүзүүнүн негизги тарыйкасы болгон. Адегенде душманын көздөй жаа жабылтып атчан саадакчылар жапырык жасашкан. Биринчи чабуул оңунан чыкпаган учурда, кайталап сыдырга салуу үчүн кыргыздар артка чегинишкен. Кокус душмандын кошуунунда дүрбөлөң түшүү байкалса, ошол замат уютку аскери чабуулга өтүп, көлөгөн найза менен качырып киришкен. Эгер душман каршылык көрсөтүп, кысып-сүрүп кирсе, кыргыздар ага туруштук берүүгө аракеттенишкен, ага да болбой баратса артка чегинишкен.

VI–VIII кылымдардын аралыгында кыргыздар Минусинди жана анын жака-белиндеги жаңгелдерде жашаган кыштымдардын оолатын кол алдыда кармап турган. А бирок түрктөрдүн жана уйгурлардын көчмөн шаркеттери менен болгон кагылыштарда көп ирет жеңилип, ал турсун кээде өз алдынча бийлигинен убактылуу ажырап калган учурлары болгон. Бул мезгилде алар, негизинен, коргонуу мүнөзүндөгү согуштук тарыйканы тутунушкан. Кагылыш-калабалардын аймагы Минусин өрөөнү менен Туванын чегинен арылап чыккан эмес.

Андан кийинки доорлордо, б. a., IX–X кылымдарда кыргыздардын жоокерчилик өнөрү эң бийик өрүшкө жетип, жоо-жарагы өзгөчө өркүндөп өсөт. Алардын даңаза-даңкы таш жарып турган бул мезгилди В.В.Бартольд адилеттүү түрдө «улуу кыргыз доору» деп атаган.

Аталган мезгилде кыргыздар Борбордук Азиядагы оңтойлуу жагдайдан пайдаланып, Саян-Алтайдын сан тайпалуу урууларын бириктирип, өздөрүнүн каганатын түзүшөт, узакка созулган кандуу казаттарда уйгурлардын таш-талканын чыгарат жана Борбордук Азиянын талаатүздүү бүткүл аймагын ээликтеп турушат.

Улуу державалык доордо кыргыз жоокерлери иймек белдүү алеңгир жаа менен куралданган. Жаанын белине капталдата жана тегерете каңылтыр жаткырышкан. Жебенин учуна темирден тык кийгизип, кылоолоп кырын чыгарып, кыйгактуу кылып жасашкан. Алар түркүмү жагынан алганда да көп түрдүү болгон. Мисалы, жөнөкөй саадактарга кирген үч кыйгак жебенин 11, эки кыйгак жебенин 2, төрт кыйгак жебенин 1, жалпак жебенин 7 түрү табылган. Бадана жыртар саадактардын түркүмү үч кыйгактуу жалпак жебелердин 5, төрт кыйгактуу камек жебенин 2, үч кыйгактуу жебенин 2, төрт кырдуу чимирик жебенин 6, сүйрү жебенин 1, жалын тил жебенин 1, тегерек жебенин 2 түрүнөн турган. Жаа огунун мынчалык көп түркүм түрү азырынча орто кылымдардагы көчмөн маданияттардын эч кимисинен жолуга элек. Кыргыздардын зоот тешме жебелери ушул мааниде алганда өзгөчө айырмаланган, алар түр-түспөлү боюнча саадактардын калган башка түркүмүнө караганда алда канча артыкчылык кылган. Өйдөдө аталган башка да саадактардын арасынан үндүү жебе, калак жебе, томпок жебе, чимирик жебе, жылан тил жебе, ызгыч жебе жолугат. Кылоосу өткүр, кыйгагы курч мындай октоо калканды көзөп өткөн, сооттун майда тогоолорун жарып жиберген. Анан калса алардын көп түрү жалаң кыргыздарда гана болгон.

Мунун баары кыргыздарда жоо-жарак жасоо өнөрү абдан өнүккөнүн тастыктайт, буга, кыязы, уйгурлар менен болгон узак убакка созулган согуштар чоң өбөлгө болгон окшойт. IX–X кылымдарда кыргыз жоокерлери жааны тебесин чечип, атайын кылабандарга салып жүрүшкөн. Жебелердин учун төмөн баштантып, чөнтөктүү коломсоктордо сакташкан. Кылабдан менен коломсок киселүү курга арчындалып, бел кырчоого байланган. Аламан жапыракта кыргыздар келеген найза жана кыйгактуу каскак сунуп жоого кирген. Найза менен каскактын тыгы сүйрү, чарчы жана мүлүк баш түспөлүндө жасалган. Аштоодон төмөн жөлөк же байрак байлашкан.

Кылычташкан уруштарда ар түрдүү канжарлар, анын ичинде эки миздүү тинтелер, бир миздүү кыңырактар колдонулган. Шамшардын бул түрлөрү кыргыздарда да кеңири тараган. Алардан башка учу азыраак ийилген коросон кылычтар болгон. Мизи кууш, уңгусу жапыс айбалталар кез-кезде гана колдонулган. Коргонуу үчүн жоокерлер темир төңөлөктөрдү тигинен тогоолоп же кадамалап жасаган калкандарды пайдаланган. Мындан тышкары алар башына туулга, колуна карапчы кийишкен. Жоого минчү аттарга олпок үртүк тигишкен. Жоокер кыштымдар жаа, жебе, кылыч же канжар менен куралданган, туткалуу калкан менен коргонушкан.

IX–X кылымдарда кыргыз мамлекетинде аскерийбийлик системасы түзүлөт. Эл бир түмөн жана жарым түмөн кошуундарга бөлүнүп, аларга аскер башчылар дайындалат. Аскерлердин жалпы саны оор жасактуу 30 миң; кыргыз жоокеринен жана букара уруулардын жеңил жасактуу 70 миң атчан эрендеринен турган.

Кыргыз черүүсүнүн оор жана жеңил жасактуу болуп эки түргө бөлүнүшү менен уруш жүргүзүүнүн тарыйкасы да олуттуу өзгөрүүгө учурайт. Казат маалында жеңил жана оор жасактуу атчан аскерлер алгоолошуп жоо сайышка түшүп турган. Адегенде жеңил жасактуу жоокерлер душманга тике маңдайдан жана капталдан жаа жабылтып, ат коюп кирген. Аламан жапырыкта алар «душмандын сесин кетирип, мизин кайтарууга аракеттенген же болбосо качымыш болуп аларды чабуул коюуга азгырган. Жоо арасы бүлүнүп, дүрбөлөң түшкөндө же ат коюп качыра бергенде оор жасактуу атчандар кошууну сыдырга салып, кылкылдап жайпап, куушуруп кирген. Куюндаган аламан чабуулда күү менен келип сайылган найзаларга, кыйгактуу каскактарга эч нерсе туруштук бере алган эмес. Эреже катары уруштун ооматы да ошого жараша чечилген. Эгер душман айбатынан жанбай, каршылык көрсөтө берсе, анда жоону тинте менен шылый чаап, кылычтап, айбалталап, боо түшүрүп майкандап кирген.

Душман күчтөн тайып, алдаалап тарап, качууга баш койгондо артынан сая түшүп сүргүнгө алып, кыргын салган.

Кыргыздар чеп курганды үйрөнүшкөн, алар да коргонуунун жана басып алуунун ыкмаларын билген. Аскерлер айчылык алыс жактарга жортуулдап, жүрүшкө чыгып турган. Душмандын үшүн алып, тез багынтуу максатында жоокерлер жоого катуу жаалданып, ач айкырык, чоң сүрөөн салып кирген. Кыргыз кошуундарында жоокерлик катаал тартип сакталган.

«Улуу Кыргыз мамлекетинин» тушундагы согуштарга чабуул коюу тарыйкасы мүнөздүү болгон. Кыргыз каганынын туусу астында калаймандуу казаттарга 70–100 миңге чейин жоокер катышкан. Жортуулдардын аймагы СаянАлтайдан тартып, Чыгыш Түркстанга жана Байкалдын аркы тараптарына чейин кеңейген. Кыргыздар бүткүл Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга, Чыгыш Түркстандын дыйканчылыкка ыңгайлуу аймактарын кол алдында бекем кармап турууга умтулган. Бирок айчылык алыс жортуулдардан калк каржалып, ар кайсы аймактарга таруудай чачырап тарап, анын айынан акырындап кыргыз каганатынын аскердик күч-кубаты начарлай баштаган да, «улуу державалык доордун» аякташына алып келген.

Андан кийинки тарыхый доорлордо, б. a., XI–XII кылымдарда Борбордук Азиянын талаалуу аймактары кидандардын ээлигине өтөт. Мына ушул окуялардын аркасында кыргыз этносу территориялык жактан бир-биринен окчун турган эки тайпага бөлүнүп, ажырап кеткен. Бир тайпасы Чыгыш Түркстанда калат. Экинчи жамааты Саян-Алтай аймагын тургундап калат. Ушул жерде кыргыз маданияты кийин өзүнүн өнүгүү жолундагы жаңы доорду – «сууктэр» доорун басып өткөн.

Кыргыз жоокерлери «сууктэр» мезгилинде алеңгир жаа менен куралданып, үч кыйгактуу жебенин 4 түрүн, жалпак жебенин 9, томпок жебенин 3, кыйык жебенин 1, колок жебенин 6, сүйрү жебенин 1, камек жебенин 2 түрүн колдонушкан. Бул өз заманы үчүн согуштук жоо-жарактардын көп түрдүүлүгүн билдирген. Мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу алганда алардын составы да өзгөрүүгө учураган. Жөнөкөй саадак октордун арасында жалпак жебелер өзгөчө басымдуулук кылган, бул жаа жабылтуу тарыйкасына кыргыздардын көбүрөөк маани бере баштаганын ырастайт. Бадана жыртма октордун ичинен мулук баш жебелер көп болгон. Колокторду учун өйдө баштантып оозу ачык коломсокторго салып, киселүү курга арчындап, бел кырчоого тагып жүрүшкөн.

Жоо сайышка киргенде кыйгагы сүйрү келген найза, казык тырыктуу каскак менен качырып тийген. Чабышкан кезде бир миздүү коросон кыңырак, ийри кылыч жана селебе колдонушкан. Мизи кууш, уңгусу жапыс айбалталарды сейрек пайдаланышкан. Бир миздүү тинтелер менен да чабышкан. Жоокерлер октон коргонуу максатында майда темир төңөлүктөрдөн тор сыяктуу токуп жасаган соот, баштарына төбөсү шиш, тал кырчоолуу туулга кийишкен. Ошондой эле сырты эндүү темир каңылтыр менен кыталанып, ичине калың кебез капталган чарайналар да колдонула баштаган.

Кыштымдардын жоокерлери жаа, жебе, тинте жана канжар менен куралданган.

Кыргыздардын мамлекети майда музапатчылыктарга бөлүнүп, бытырагандан кийин улуу держава доорунда түзүлгөн аскердик бийликтин системасы күчүн жоготту. Бирок анын айрым жөрөлгөлөрү атап айтканда кошуундарды түмөн-түркүмү боюнча бөлүү эрежеси сакталып калды. Ар бир музапаттын өзүнчө бир түмөн сардары түзүлүп, анын башында иналдар турган. Иналдарга баги деп аталган майда музапатчылыктар баш ийген. Иналдар менен бектердин сардарлары, букара уруулардын кыштымдардын кошуундары биригип бир музапатчылыктын аскерин түзгөн. Себилдүү, жасактуу жоокер-сардарлар алардын уютку аскери деп эсептелген.

Жоо-жарактардын мүнөзү, аскерлердин сан жагынан өзгөргөндүгүнө жараша уруш талаасындагы аракеттердин тарыйкасы да өзгөргөн. Алыска атылчу жебелер азайып, жакын аралыкка жаа жабылтуу ыкмасы басымдуулук кыла баштады. Душман менен оро-пара туруп салгылашкан оңтойлуу болуп калды. Келеген найза, кыйгактуу каскак жоо сайыштын ургаалдуулугун арттырды. Кылычтарды колдонуу бир жагынан чабышуунун мүнөзүн курчутса, экинчи жагынан татаалдаштырды. Жалпысынан ат коюп, аламан жапырыкка салуунун өтөлгөсү өсө баштады. Ошентип, бетме-бет келип салгылашуунун ролу жогорулап, мөөнөтү узарды.

Кыргыздар бул мезгилде баш калкалар чеп-коргондорду куруп, согуш коркунучу туулганда аларга келип жашынып турушкан.

Согуштардын мүнөзү да өзгөрүп, ал негизинен коргонуу тарыйкасына өттү. Калабалуу окуялардын алкагы Саян-Алтай тоолору жана ага улагалаш жаткан түндүк- батыш Монголиянын чөлкөмү менен гана чектелген. Согуштардын масштабы олуттуу кыскарган. Алар көбүнесе үстөмдүк талашкан музапатчылыктардын ортосунда гана болуп турган. Сырткы жоонун кысымына каршылык көрсөтүү басаңдаган.

Андан кийин монгол доорундагы кыргыз кандыктары саясий өз алдынчалыгынан ажырайт, XIII–XIV кылымдарда кыргыздар Монгол оторлугунун карамагына өтөт, алардын аскерлери монгол аскеринин бир бөлүгү болуп калат. Кыргыз кошуундары монголдордун байтагы Каракорумда чыңоолдо турган. Элдин бир жамааты аскерий көчкүндөр катары Маньчжурияга жана Түндүк Кытай жергесине барып жайгашат. Өз алдынчалыгынан ажыраган соң, алардын аскер иши өнүкпөй, дымып калат.

Монгол доорундагы кыргыз жоокерлеринин негизги жоо-жарагы алеңгир жаадан турган. Темир тыктуу саадак октордун арасында үч кыйгактуу жебенин 3, жалпак жебенин 10, казык учтуу жебенин 2, төрт кыйгактуу жебенин 10, казык учтуу жебенин 2, жалын тил жебенин 1 түрү болгон. Көрүнүп тургандай, аталган мезгилде, негизинен жалпак жебенин түрлөрү көбөйгөн. Атканда буралып учкан чимирик жебелер пайда болгон. Бадана тешер колоктордун саны кескин кыскарган. Кыязы кыргыздардын атчан кошуундары, негизинен, жеңил жасактуу жоого каршы салгылашкан окшойт. Чарайна-соот кийинген аскерге жаа жабылтуу мүмкүндүгү азайган.

Саадактын октору коломсокто сакталган, бирок алардын турмандары аталган замандагы эстеликтерден табылган эмес.

Оропара туруп же кырчылдашып чабышкан уруштарда кыргыздар селебе кылыч, коросон тинте колдонгон. Жоо-жарактардын калган башка түрлөрү монгол дооруна таандык кыргыз маданиятынын эстеликтеринен байкалган жок. Коргонуу куралдарынан энсиз каңылтырды кынаптап кадаган бадана менен эндүү каңылтырды сыртынан кыталап, ичинен кебез тешеп бекиткен чарайналар чыккан. Ошондой эле туулга табылган. Жоокер-кыштымдар жаа, жебе, кыңырак жана канжар менен куралданган.

Монголдор да мурдагы түрк, кыргыз каганаттарынын тушундагыдай эле кошуундар менен элдерди азиялык түмөн санагы боюнча бөлүштүргөн. Минусин өрөөнүнүн жалпы калкы биригип, бир түмөн кошуунду түзгөн. Кийинчерээк Саян-Алтай чөлкөмү бир нече аймактарга ажыратылган. Бийликтин башында монгол оторлугунда кызматта турган төбөлдөр отурган. Кыргыздар негизги этностук тайпа катары мурдагы абалын сактай алышты. Бирок Чыңгысхандын тукумдарынын ич ара так талашкан чыр-чатактарына катышып, монгол оторлугунун ар кайсы аймактарына көчүрүлүп жүрүп, кыргыздар чайкалып, чачылды, саны азайды. Айрым кыштым уруулары болсо, тескерисинче, акырында көбөйүп, күч ала баштады.

Эгер курал-жарактардын мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө карап божомолдосок, анда монгол доорундагы кыргыз кошуундары негизинен чабендес жаачылардан куралган болуу керек. Тарыйка маанисинен алып караганда, алар үчүн окчундан туруп жеңил жасактуу жоону көздөй жаа жабылтуунун ролу жогорулоого тийиш эле. Кылычташкан уруштарда алар баштагыдай маш боло алмак эмес. Жоонун колу жете алгыс жерлерге курулган кыргыздардын чеп-коргондору дал ушул монгол мезгилине таандык. Бул мезгилде кыргыздардын мамлекети жоюлуп калган болчу, ошондуктан алар өз алдынча согуштук операцияларды жүргүзө алган эмес, болгону монгол аскердик составында жортуулдарга катышып, чыңоолдо турушкан. Көз каранды абалда болуп, калктын саны азайса да алар Минусин өрөөнүн өздөрүнүн негизги байыр кылган жери катары сактап калышкан, кийин ал жерде кыргыздардын бытыранды майда кандыктары жашап турган.

Соңку орто кылым доорунда кыргыздардын аскер иши кандай мүнөздө болгонун азырынча айтуу кыйын, бул тууралуу даректүү маалыматтар жетишсиз.

Ал эми Чыгыш Түркстандагы жана Теңиртоодогу (Тян- шандагы) кыргыздардын өнүккөн орто кылым доорундагы аскерий тарыхы жайындагы маалыматтар жазма даректерде үзүл-кесил жолугат, көбүнесе эпостордо айтылат. Бул маселе өзүнчө изилдөөнү талап кылат.

VI–VIII КЫЛЫМДАРДАГЫ САЯН-АЛТАЙ КАЛАЙМАНЫ

Кыргыз, түрк, уйгур будундары, кыргыздар жана кыштымдар.

Биздин замандын VI кылымынан тартып, кыргыздардын Саян тоосунун түндүгүндөгү Ортоңку Энесай жерин байырлап турушканы тарыхта так белгилүү. Муну аксөөк түрк будундарынын бири – Ашина уруусунун жазма санжырасы ырастайт. Анда айтылгандай, Надулу-Шаддын Цигу (кыргыз) ысымдуу бир тууганы «Афу, Гянь сууларынын ортосунда» (Абакан менен Энесайдын), азыркы Койбал талаасында падышалык кылган. Бул иш V кылымдын этегинде – VI кылымдын башталышында, б. а. жужан каганы түрктөрдү «Алтай тоосунун түштүгүнө» көчүрүп келгенден кийин болушу ыктымал. Түрктөр ал кезде жужандардын букаралыгында турган, гаогюй динлиндери (теле калкы) менен болгон чабыштарга катышкан, кийин монгол жана тоолуу Алтайга көчүрүлгөн. Аскер көчкүндөрү катары алар Батыш Монголстан менен Саян-Алтай чөлкөмүндө жужан каганатынын бийлигин кармап турууга тийиш болгон. Демек, Цигунун Энесайда падышалык кылганы ал жер жужандардын карамагына киргенин билдирген.

Биздин замандын VI кылымында кыргыз маданиятынын эстеликтери Чулым дайрасынын куймаларына чейин жетип, бүткүл Минусин ойдуңуна тарайт. Алардын составына негизинен кыргыздардын өлүктү өрттөп көмгөн салтына мүнөздүү келген чаатас коргондору, балбалдар, таш корумдар, кенотафтар, ошондой эле кышкы жана жайкы утурумдук отурук-конуштар, петроглифтер, тамгалар, казына-кенч катылган казанактар кирет.

Таштык маданиятынын тушунда жергиликтүү турган калктын жарым жамааты урук-урку жагынан аралашып кеткен болчу, анын жышааны кыргыз маданиятынын таштык үлгүсүндө жасалган эстеликтеринде сакталып калган. Мындай көрүстөндөр кийин Минусин өрөөнүнүн чет жакаларындагы токойлуу аймактарга жана Ачы-Марин жаңгел талаасына сүрүлүп чыга баштаган. Анткени жаңгел уруулары кыргыздардын букаралыгында болушкан, кыргыз мамлекетинде алар кыштымдардын (теги бөлөк кул-кутандардын) абалында жашашкан. Кыргыз бектери кыштымдардан алман алып, алар байыр кылган жерлерге талоончул жапырык жасап турушкан, туткунга түшкөндөрдү айдап келип, өздөрүнүн чарбалык жумуштарына пайдаланган. Тан доорундагы жазма даректер кабарлап тургандай, кыргыздар кыштымдарды токойлуу аймактарда жашаган дубо, милигэ, эчжи урууларынан кармап алып иштетип турушкан».

Кыргыз коомунда патриархалдык кул катары эсептелген кыштымдар өлгөндөрүн өрттөбөй, жөн көмүшкөн, алардын ыскатына бирин-экин гана буюм-тайым коюлган, а кээде дегеле эч нерсе коюлган эмес. Алардын өзүнчө көрүстөн-мүрзөлөрү да жок эле, өлгөндөрүн кыргыздардын мүрзөлөрүнө көмүшкөн. Кыргыз коргондорунун төрткүлдөрүнөн кээде кожоюндун ыскаты үчүн курмандыкка чалынган кыштымдардын кабырлары учурайт.

VI кылымда Энесайда кыргыздардын мамлекети курулат. Түрк адабиятынын маалында жана жужан каганаты кыйраган кезде кыргыздар борбор азиялык жаангерлердин көз карандылыгынан кутулууга жетишет. Ошол себептүү 554–555-жылдары түрк каганы Мухан Саян-Алтай калкын кайра багынтуу үчүн жортуулга аттанууга аргасыз болот. Ал «кутпа жакта Цигуну басып алат», бирок түрктөр «Саяндан ашып өтө алган эмес». Болжолу, түрктөрдүн колу эртеби же кечпи, акыры басып кирерине көзү жетип, кыргыздардын кол башчысы түрк каганатына букаралыкка өттүм деп моюнга алса керек. Ошондон кийин кыргыздар салык катары аларга өздөрү жасаган «албарс миздүү куралдарды» берип турушкан. Мындай жоо-жарактардын наркы түрктөргө мурдатан белгилүү болгон, анткени аларды кыргыздар такай түрктөргө соодалап, сатып келишкен. Ошентип Минусин ойдуңу түрк каганаты үчүн темир ийлеп, жоо-жарак жасай турган базага айланат.

Мындай озуйпаны жужан сурагынын маалында түрктөр байырлап турган Алтай аткарып турган эле. Кыргыз калкынан уруш-талаштарда колго түшкөн туткундарды түрктөр кулак кескен кул кылып алышкан. Тарыхта белгилүү, 569-жылы түрктөрдүн Истеми каны византиялык элчи Земархка «кыргыз элинен» күң тартуу кылган. Ал эми каган Арслан Тобо-хан 572-жылы Або-хан Торэменге энчилеп «кутпа хандыгын» бөлүп берет, ага кебетеси, кыргыздардын жери да кирсе керек.

Түрк мамлекети тыйылбаган ички ыйкы-тыйкылыктардын айынан биримдигинен кете баштайт, акыры 581-жылы биринчи түрк каганаты кулайт. Кыргыздар букаралык көз карандылыктан азат болушат. 583-жылдан баштап эле алар Борбордук Азиянын адыр-түздөрүнө жортуулдап чыгууну ой кыла баштайт: «Тугюдан түндүктө бийлик курган Цигу кыл чайнап кыжына өз удулун (өч алууну) күтүп жатат».

Кыргыздардын көз карандысыздыгы 629-жылга чейин сакталды. Андан кийин алардын мамлекетин Сейяньто уруусу башкарган Телес каганаты каратып алат. Сейяньто каганы Энесайга «катуу көзөмөл жүргүзүү үчүн өзүнүн гьелифин» коёт. Ушул мезгилде кыргыз мамлекетинде болочоктогу административдик түзүлүштүн негиздери түптөлөт: «Хагас падышасынын үч министри бар эле, алар Гйеси бей, Гүйшабо бей жана Али бей эле». Мамлекеттик бардык иштерди ошолор тескеген». Сейяньтолордун сурагы анчалык көпкө созулган эмес.

Ашина уруусунан чыккан түрк амираны Чеби-кан б.з. VI кылымынын 40-жылдарында Монгол Алтай тоосуна жайланып, күчтөнүп алган соң батышта гэлолу журтун, түндүктө Гйеку өлкөсүн багынтат». Бирок көп өтпөй эле 647-жылы Чеби-кан кытайларга колго түшүп, анын музапатчылыгы кыйратылат.

Ушул учурдан пайдаланып кыргыздар Тан империясы менен түздөн-түз алака түзүүнү чечишет. Император Тхай-Цзундун сарайына кыргыз өлкөсүнүн «падышасы» Сылифа аксакалы (Эльтебер Ю.Х.) Шибокюй Ачжань келип түшөт. Император бийик мартабалуу коноктун урматына арнап той өткөрөт, «ага сол кол саркеринин (цзо- тунь вэйцяньцзюнь) генералы деген ардактуу наам ыйгарып, Цзянь-кунь аймагынын генерал-губернатору (дуду) кылып жарыялайт». Ичкиликке кызып алган Сылифа императордун букаралыгына өтүүнү «каалаганын билдирет».

Бирок Тан ордосу иш жүзүндө кыргыз өлкөсүндө реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Анын үстүнө башка өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына кытайлардын аскерий наамы берилгени менен, бул аларды кандайдыр бир иштерге милдеткер кылган эмес жана алардын бийлигин чектей алган эмес.

Кыргыздар андан кийинки жылдардын аралыгында да Кытайга бир нече жолу элчилерин жиберип, жылкы айдап келип, сатып кетип турушкан. «653-жылы кандайдыр бир себептер менен Кытайга айдалып кеткен урук-таштарын кун төлөп кайтарып алуу үчүн кыргыздар белек-тартуу артынып келишет». Император Гао-Цзун элчилердин бул сыйына жооп иретинде кытай чабарманы Фань Шанды таберик-тартуу менен кыргыздардын өлкөсүнө жөнөткөн. 675-жылы кыргыздар дагы жылкы айдап келип, аларды ар түрдүү товарларга, негизинен, кытайдын шайы, жибек кездемелерине айырбаштап кетишкен.

682-жылы экинчи чыгыш түрк каганаты куралат. Буга байланыштуу кыргыздар Борбордук Азиядагы үстөмдүк талашкан окуяларга активдүү катышып, түрктөргө каршы жоолашкан элдердин жамаатына кирген.

Түрктөргө «оң жактан (түштүктө) табгач калкы кас болду, сол жактан (түндүктө) Базкаган (баштаган) тогуз огуз журту жоо болду, кыргыз, курукан, отуз татар, кытай, татарбы – баары кас болду», 688-жылы түрктөр Базкаганды талкалайт, бул чабышка кыргыздар катышпады, бирок каруу-күчүн чыңдап, шай болуп, камданып алды да, каганаттын түндүк чектеринде түрктөргө каршы адабатка чыккан урууларга башчылык кыла баштады. Алардын күчтүү жоо экенин сезип, түрк каганы Капаган кыргыздардын кол башчысын каган деп атаганга аргасыз болот, ага Кутлуг кагандын кызын берет. Бул окуя Кутлуг каган өлгөн соң, 693-жылы Капаган каган түндүккө жортуул жасап, анысы оңунан чыкпай калгандан кийин болгон. Билге кагандын таш эстелигиндеги жазууда бул тууралуу мындайча айтылат: «Каган таякем барында аны менен бирге жортуулга чыктык… Көгмөндү (тоону) ашып, (кыргыз) жерине чейин жортуулдадык.

… Барсбек эле. Каган деген наамды (ага) ошондо биз бердик, кичүү карындашым Канайымды (ага жар кылып) бердик».

Мына ошентип Кыргыз мамлекети Чыгыш түрк каганатына теңелип, кыргыз каганы түрк каганы менен тең деп таанылды, эки мамлекеттин башкаруучу аксөөк уруулары кудалашып, тынчтык бүтүмгө келишти. Кыргыз каганы Барсбек тышкы алыш-бериш алакаларын жандантып, жигердүү иш жүргүзүп турду. 707, 709, 711-жылдары кыргыз элчилери Тан империясына келип кетишти. Бул кезде түрктөр Кытай империясы менен кырчылдаша чабышып жаткан эле. Түрктөрдүн аксөөктөрү менен туугандашканына карабастан кыргыздар империяга таламдаш болуп, ал тарапта турду. «Табгач каны жообуз эле. Он ок каны жообуз эле. Бирок баарынан да күчтүүсү кыргыз каны жообуз болду. Ошол үч кан кеңешип: «Алтын жышына баралы» дешиптир. Ошентип, кеңешиптир. Эгер аны чаппасак, кантсе да ал бизди курутат. Каганы баатыр экен, акылчысы билги экен, акыры бизди кырары анык. «Үчөөбүз биригип аттаналык, аларды (ошентип) талкалайлык», – дептир.

Түрктөргө каршы уюштурулган мына ушул жамаатчылыкта улам күчтөнүп, күр болуп бараткан кыргыздар каганатка баарынан көбүрөөк коркунуч туудурган, ошондуктан түрктөр кыргыз жерине озунуп катуу сокку урууну чечишет. 709-жылы Шад Могилян кыргыз каганына өнөктөш болуп, Туваны байырлап турган аз жана чик элин кыйратып, кыргыз жерине жапырык салып кирүү үчүн оңтойлуу аймакты ээлеп алат. Кыргыздарды камынтпай, капыстан басмакчы болуп түрк аскерлери катуу камылга көрүп, 710–711-жылдардын кышында жортуулга аттанат. Түрктөрдүн черүүсүнө айтылуу аскер башчы Тон-ёкук, ак сөөк Ашина уруусунун бекзаадалары Күл-тегин менен Шад Могилян кол башчылык кылышкан. Тон-ёкук Энесайга кетчү туура жолду айланып өтүп, жашырынып отуруп найза бою кар жаткан Саян тоосу аркылуу, Ан дайрасын бойлой жүрүп аскерин кыргыз жерине алып кирет. «Ошентип ойлондум… Согушабыз (кыргыздар менен) дедим. Көгмөн жолу бирөө эле, суук дегенди эшитип, бул жол жүрүүгө жарабайт дедим. Жер билги (жигит) издедим. Акыры чөлдөгү аздардан бир киши таптым. «Өзүм аз жериненмин, аны би (лем)» – деди. (Ал жакта) бир бекет бар деди, (андан өтүп) Аныга (дарыяга) барат, анда конуп (чыксаңар, ар жагы) бир аттык болот» деди. Шол жол менен жүрсө болор дедим, ойлондум. (Оюмду) каганыма айттым. Аскеримди жыйнаттым. Аттангыла!.. – дедим. Актермелден өтүп өргүттүм. Кайра атка мингизип, карды жиреп жол салдым. Күрдөөлүү жонго атты жетелеп, жоо, шыргый таянып чыктык. Эрендер (кар таптап), бийик белден аштык. Азап менен төмөн түштүк. Он түн дегенде тоо этегине араң жеттик. Жер билги (жигит) адашып, сайып салдык. Кыйналган каган өзүң баштай (таскактай) бер деди. «Ан суусу менен жүрөбүз» – деди. Шол сууну бойлоп жүрдүк. Түгөлдөнүп алмакка токтодук. Аттарды жыгачка байладык. Күндөп-түндөп желип-жортуп отурдук». Тонюкуктун таш эстелигиндеги жазууда бул окуя ушундайча айтылат.

Ошентип, түрктөрдүн колу кыргыз жерине күтүүсүздөн кара таандай каптап кирет. «Кыргыздарды уйкуда жатканда бастык… жолубузду найза менен ачтык». Кыргындан аман калгандары алдаалап качпай, тик туруп кармашты. «Каны, аскери жыйналып келди». «Каганы менен Суңга жышында салгылаштык, Күл-тегин анда Байыркунун ак боз айгырын минип, качырып кирди, бир эренин жаа менен атып жыкты, эки эренин (найза менен) удаа сайды. Бул чабышта Байыркунун ак боз айгыры майып болду, жамбашы сынды. Кыргыз каганын өлтүрдүк, элин алдык». Көрүнүп тургандай, Суңгадагы ушул урушта Күл-тегин менен Могиляндын күйөө баласы – кыргыз каганы Барсбек набыт болот. Чабылган эли «күң-кул болду. Көгмөн жери ээсиз калбасын деп азайган кыргыз журтун курадык, биз келип салгылаштык, элин кайра бердик. (Кан таякеме багыштап) кыргыз канына баш кылып (моло таштын четине) кыркалап балбал койдум». Суңга токоюндагы чабышта түрктөрдөн жеңилип, Барсбек өлүп, кыргыз төбөлдөрү Борбордук Азияга үстөмдүк орнотсок деген тилегинен кол жууду. Минусин ойдуңуна түрктөрдүн колу кирди, бардык жерге кошуундары коюлду. Саян капчыгайынан чыга берген жайыкта Энесайдын эки жээгин бойлоп, Аскиз, Ее, Ниня, Кара Июс, Уйбат, Таштык, Тес, Туба, Ут сууларынын өзөндөрүндө, ал турсун Ача-Марин өрөөнүндө жайылып тараган байыркы түрк маданиятынын эстеликтери дал ошол мезгилде пайда болгон. Адат катары алар ыскатына жылкы койгон көрүстөндөр, таш корумдар, аска бетине чегеленген чиймелер, руна сымал жазуулар болуп саналат.

Түрктөр кантсе да кыргыз мамлекетин толук кыйратып жиберген эмес. Мамлекеттин башында дале кыргыз каны турган. Ал белгилүү даражада өз алдынчалыгын сактап калган, башка мамлекеттер менен саясий, соодасатык мамилелерин жүргүзө берген, Тан империясына бир канча жолу элчилер келип кеткен. 722-жылы Тан ордосуна «кыргыз тегини Исибо Шэючже Биши Сыгин, 723-жылы Цзюйли Пиньхэчжун Сыгинь келди. Экөөнө тең аскер наамы берилди.

774, 747 жана 748-жылдары кыргыздар кытайга жылкы айдап келип, айырбаштап кетишти». 731-жылы түрк канзаадасы Күл-тегиндин тажиясына «кыргыз канына Тардуш Ынанчу Чур келди». Бирок кыргыздардын аскердик күч-кубаты кыйла эле начарлап калган болчу. Өз алдынчалыгын сактап, кыргыздар 745-жылы Экинчи түрк каганаты кулаганга чейин Борбордук Азиядагы калабалуу иштерге катышпады. Ал тургай 715-жылы каганаттын түштүк чектеринде түрктөргө каршы аздар адабат уюштуруп, козголоң чыгарган кезде да алар буга аралашкан жок. Натыйжада Күл-тегин козголоңчуларды опоңой эле басып алды. «Аз журту бизге жоо болду. Алар менен Каракелде чабыштык; Күл-тегин (анда) отуз бир жашта эле; Алп Шалчынын ак боз атына минип качырып кирди, аздардын эл теберин туткундады; аз эли анда кырылды».

Кыргыздар Экинчи Чыгыш түрк мамлекети кулап, Уйгур каганаты аларга олуттуу коркунуч туудура баштаганда гана кайрадан Борбордук Азиядагы окуяларга жигердүү кийлигишти. 751-жылы алар чик, огуз, карлук калкы менен бир жамаатка биригип, уйгур каганы Моюн-Чурдун баскынчылык жортуулдарына каршы көтөрүлөт. «Тогузогуздардын бектери (аскер башчылары) келишти, (журт башчысы) жоо болду (дешти). Кыргыздарга кишилерди жиберди дешти. «Силер (каганаттан) чыккыла. Чиктер да аттанышсын!» Ал ушинтип айтты дешти. «Мен да (каганаттан) чыгамын». «Байкагыла, өзүңөрчө болгула! Биз силерге токойдо кошулабыз», – дептир».

Ошентип жоонун сыры уйгурларга билинип калды, Моюн-Чур озунуп аракеттенди да, аларды бириндетип талкалады. Тогузунчу күнү кол баштап жортуулга чыктым, Тутук-башы аркылуу чиктерге миң эрен жөнөттүм, кыргыздарга аз аскер атказдым. «Байкагыла, – дедим, – кыргыз каны Көгмен тоосунда турат экен, алтын чатырында, ордосунда жашайт экен. «Чабендес кыраандарын» коңшуларына чаптырган экен, аларга менин эрендерим качырып тийди, чабарманын туткундады: (ошолор айтты) кыргыздардын канына, коңшуларына көп киши келди дешти, карлуктар келбеди дешти. Кан аскерин аларды чапканга аткарды дешти».

Кыргыз канынын «чабандес кыраандарын» талкалаган соң, Моюн-Чур уютку аскерин карлуктарды көздөй алып жөнөйт. Ушундан улам кыргыздар менен уйгурлардын ортосундагы калайман бир кыйла кечеңдеп кетти. Акыры «758-жылы Хойху (уйгурлар – Ю.Х.) алардын мамлекетин каратып алды, ошондон тартып хагас элчилери Ортолук өлкөсүнө каттабай калды».

Кыргыз мамлекети уйгур каганатына көз каранды болуп, алардын каны «каган» наамынан ажырады. «Хагас каны хойху канынан Цицсис Тунгйе Гинь наамын алды». Болжолдо кыргыз жери убактылуу мамлекеттик биримдигин жоготкон болуу керек.

Уйгурлардын үстөмдүгү кыргыздар үчүн жужандар менен түрктөрдүн сурагына караганда кыйла азаптуу, оор болду. Уйгурлар бийликке келгенден тартып, кыргыздар дээрлик жүз жылга жакын түштүктөгү өлкөлөр менен карым-катнаш жасабай калды, бул мезгилде кыргыздардан Кытайга элчиликке эч ким келген эмес.

795-жылы уйгур каганатында бийлик алмашат. Йаглакар (Яглакар) уруусунан чыккан Ачжо каган каза болот, анын артында мураскор тукуму калбагандыктан кагандын тагына Я-дэ (эдиз уруусунан) тукумунан тараган аскер башчы Кутлуг шайланат. Мына ушундан пайдаланып, кыргыздар көтөрүлүш чыгарат. Бул үчүн алар абдан оңтойлуу учурду тандап алат.

Уйгурлар бул кезде Чыгыш Түркстанда карлуктар жана тибеттиктер менен жоолашып, чабышып жаткан эле. Каган бийлиги начарлай баштаган болчу. Эрезеге жете элек Ачжо каган кара башын алакчылоонун камын ойлоп, ордодо аталык бийлик жүргүзүп турган Гьегяньгястын бутуна жыгылып жалынат.

Ачжонун өлүмү менен Пэйло кагандын укум-тукумунун урку үзүлөт. Ачжого урук-жуураттыгы жок Кутлугдун кагандыкка шайланышы кан көтөрүүнүн каадасын бузгандык, мыйзамга ылайык келбес жосун эле. Калыбы, кыргыздар дал ушул шылтоо менен уйгур аксөөктөрүн көкүтүп, аларды өздөрү тарапка тартып, каганаттын үстөмдүгүн начарлатууну көздөшсө керек.

Мына ушундай кыйын-кысталаң шартта кагандын тагына отурган Кутлугдан Борбордук Азиядагы үстөм абалын сактап калуу үчүн моюбас эрк, согушкердик чыгаан талант талап кылынган. Ал чынында эле ушундай кол башчы болгон. Карабалгасундагы жазуулардын кытай тилиндеги тексттеринде ага эң бийик сөздөр багышталып, ал катышкан казаттар керемет иштей сыпатталганы төгүн жерден эмес.

«Адегенде Гяньгун мамлекети (болду), анын саадак аткычтары (б. а., жоокерлери) 400 миңден ашкан. Ал (козголоң баштады) (бирок Каган) акылман, эр жүрөк, жанда жок баатыр (эле); ал бир атып койсо эле (жоонун) баары (боо түшкөндөй) кыйраган. Гяньгун каганы саадактын эпкининен (анын огунан) өлдү; уй, жылкы, эгин, курал-жарак тоодой болуп үйүлдү; (Гяньгун өлкөсүнүн) мамлекеттик иштери токтоду; анын жеринде тирүү жан калган (жок)».

Албетте, мунун баарын түз мааниде түшүнүү керек эмес. Анын үстүнө ушул эле жазуунун согди тилиндеги текстинде «кыргыз кагандын 200 миң саадакчысын ал жеке өзү туш-тушка кубалап, анын падышачылыгын алды» – деп айтылат. Айтор, канткен күндө да «чечүүчү салгылашта Кутлуг кыргыздардын аскерин жеңип чыгат, бул кармашта кыргыз каны өлөт, Кутлуг көп олжого ээ болуп, уйгур каганатынын чектерин убактылуу болсо да коркунучтан арытат.

Кебетеси кыргыздар уйгурларга өзгөчө коркунуч келтирип, алардын жүрөк үшүн аябай алса керек, ошондуктан алардын мизи майтарылганда кутулбас куядан арылгандай көрүп, бул кармашуунун майда-баратына чейин көтөрө чалып, даңазасын ашырып айтышса керек. Энесайдын сол жээгинде, кыргыз кагандары көмүлгөн мүрзөлөрдүн арасынан жана алардын жака белинен табылган кабырлар уйгурлардын дал ушул мезгилден, Кутлуг-кагандын Минусинге жасаган жортуулунан калган эстеликтери сыяктанат. Аларга өлүктөрдү уйгурларга мүнөздүү келген салтка ылайык, жылкынын териси менен кошо көмүшкөн.

Ушундан кийин кыргыздардын кол башчысы кайрадан «кан» наамынан ажырап, «ажо» деп аталып калат.

Б.з. VI–VIII кылымдарында кыргыздар Ички Азиядагы көчмөндөр менен жоолашып, көп жолу жеңилген, эчен курдай өз алдынчалыгынан ажыраган. Буга аскер күчүнүн аздыгы, алардын аскердик жактан начар уюмдашканы, дасыкпаганы, коргонуучу оор жарак-жабдыктардын жетиштүү колдонулбагандыгы себепкер болгон.

Мындан тышкары кыргыздарга аталган мезгил аралыгында иш жүзүндө эки фронтто салгылашууга туура келген. Түштүктө жужандарга, түрктөргө, уйгурларга каршы уруш жүргүзүп, түндүктө такай бомалар менен жоолашкан. Бомалар кет жана самодий урууларынын конфедерациясы болуп саналган, аларды угор калкынын аскерий төбөлдөрү бийлеп турган. Бомалардын ынтымагы мамлекет деңгээлине жетпегени менен аскердик күч-кубаты жагынан олуттуу жоо болгон. Муну Репкин маданиятынын эстеликтери, өзгөчө курал-жарактар катылган жайлар ырастап турат.

Ошентсе да кыргыздар өздөрүнүн тарыхый тагдырындагы оомал-төкмөл кезеңдерге, кыйын-кыстоо кырдаалдарга карабастан буркан-шаркан түшкөн мына ушул доорлордо элдигин, маданиятын, мамлекетин сактап, айлана-тегерегиндеги этностук тайпалардын арасында алдыңкы абалда туруп, Орто Энесай жергесине бекем байыр алып, аны тургундап келди. Тыйылбаган калаймандуу согуштар жерлерди ээн калтырып, элдерди чайпалтып» чачылтып турду, ошол эле учурда кыргыздарды этностук жактан биримдешүүгө алып келди. Түрк каганаты талкаланып, тыйпыл болгондон кийин түрктөрдүн бир бөлүгү Минусинде калды, алар акырындап отуруп кыргыздарга урук-жуурат болуп жуурулуп, б.з. миң жылдыгынын этегинде жугу калбай аларга биротоло жутулуп, сиңип кетти.

Саян-Алтай чөлкөмүнө ээлик кылуу үчүн жүргүзүлгөн күрөштөрдүн тажрыйбасы кыргыздарга этностук бир бүтүн журт катары аман калууга, андан кийинки доорлордо болуп өткөн тарыхый окуяларга катышкыдай көрөңгөсүн, күчүн сактап калууга мүмкүндүк берди.

 

«УЛУУ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ»:

КЫРГЫЗДАР АЗИЯ ЖАЙЫГЫНДА

Биздин замандын IX–X кылымдары кыргыздардын тарыхында өзгөчө орунда турат. Бул мезгилди В. В.Бартольд адилеттүү түрдө «Улуу Кыргыз дөөлөтү» доору деп атаган. Ал чынында эле кыргыз тарыхынын жылдыздуу сааты болгон: уйгурлар менен жоолашып, узакка созулган согуштарда кыргыздардын жоо-жарагы таң каларлыктай жеңиштерге жетишкен. Борбордук Азиянын көз кайкыткан бүткүл түзөң жайыгында кыргыздардын ооматы жүрүп, зоболосу көкөлөп турган. Дал ушул доордун даңазасы менен алар тарыхка өчпөс изин калтырган, ошол орто кылым кезеңиндеги элдердин санжыра-санатына кирген, соңку жаңы дүйнөдө болсо такай тарыхчылардын көңүлүнөн түшпөй келет.

Кыргыздардын Борбордук Азиядагы тарыхына кызыгуу кайсы бир элдин этномаданий жактан өнүгүшүн изилдепүйрөнүү менен гана байланышкан иш эмес, анын алкагынан алда канча алыска чыгар маселе. Анткени IX–X кылымдардагы кыргыздар себепчи болгон окуялар бүткүл борбор Азия жайыгындагы этномаданий өнүгүү багытын кескин өзгөрттү; уйгурлардын Чыгыш Түркстандан Байкалдын атырабына чейинки аралыкка таруудай чачып бытыратты; кимак шаркетчилигинин биримдешүүсүнө көмөк берди; кыргыздар үчүн Теңиртоого (Тяншанга) жол ачты да, монгол тилдүү көчмөндөрдүн дүйнөлүк тарыхтын кан жолуна аттанып чыгар алдындагы шаңдуу шоокуму болуп берди. Келберсиген кеңири аймактын тарыхында биринчи мерте түндүктүн алыскы түпкүрүн – Минусин ойдуңун байырлап турган үркөрдөй бир ууч көчмөн эл үстөмдүк абалга жетти.

IX кылымдын 20-жылдарында кыргыздар уйгур бийлигине каршы боштондук көтөрүлүшүнө аттанып чыгат. Ушундан кийин алардын ташы дамамат өргө кулап отурду.

«Хойхунун иши керагер тартып калды эле, Ажо ошо замат өзүн – кан, энеси Туцишини – жесир каныша, аялы Гэлуни – шех кызын – канайым деп жарыялап салды».

Ошентип согуш башталды да 20 жылга созулду. Буга кыргыздар демилгечи болгондуктан, алар мамлекеттин ички бийлигин борборлоштуруп, узак убакыт бою шаймашай даярдык көрүп, Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга бүт күч-аракетин топтоштурууга мүмкүндүк алгыдай бо луп камданса керек деп болжолдоого болот. Мына ушун дан улам кыргыздарда аскердик-административдик бирдиктүү система түзүлгөн, ага жараша жоокерлер менен жалпы калк түмөн-түмөн кошуундарга бөлүштүрүлгөн. Албетте, мунун баары өзүнөн-өзү боло калган эмес, күчкө салууну, мажбурлоону талап кылган. Анын сыңарындай адегенде Ажо кыргыз бектерин, кыштымдардын уруу башчыларын баш ийдирген, чекараны чыгыштан, түндүк жана батыш тараптан кеңейтүү аркылуу мамлекеттин ички оорук жагы чыңдалган.

Чыгышта Кан дарыясынын алабы түндүктө Ача-Марин жайык жыш, Ангаранын куймаларына чейинки бүткүл Энесай өрөөнү кыргыздардын ээлигине өткөн. IX–X кылымдардагы кыргыз эстеликтери дал ушул аймактардан табылган. Батышта жана түндүк-батышта Томдун жакабели Обь дайрасынын алабындагы токойлуу-талаалар кыргыздардын карамагына кирет. Алар бу жерден бома элин багынтып алышкан. Кыргыз маданиятынын шарапат-шарпасы менен курулган эстеликтер бул аймактарга кенен-кесири таралат.

Кыргыздар эң ыңгайлуу кырдаалды күтүп туруп, «схойху кыйрай баштаган» кезде согуш ачышкан. Уйгур каганатында ички ыйкы-тыйкылыктар тыйылбай төңкөрүштөр кутумдук иштер күч алып, анын үстүнө тибеттер менен чабышып, ал оңунан чыкпай мамлекет абдан алсырап турган кез эле. VIII кылымдын акырынан тартып, йаглакар уруусу менен эдиздер урку так талашып, эрегишип келишкен. Кыргыздар уруш баштаганга чейинки отуз жылдын ичинде алты каган, адабат жылдарында дагы алты каган бийликтен оошкон. Кыргыздар уруш ачканда тибеттиктер да уйгурларга катуу дүмөк салып, кысып кирет. Балким, алар өз ара макулдашып жортуул уюштурган чыгар, анткени тибеттиктер кыргыздар менен жакшы алакада болушкан.

«Алардын мамлекети Даши, Туфания Гэлолу менен дайыма достук ымала жүргүзгөн бирок туфандыктар Хягас менен катташканда хойхулардын талоонунан коркушкан, ошондуктан Гэлолудан коштоочуларды алышкан».

821-жылы Орхон дарыясынын өрөөнүнө тибет аскерлери басып кирет. Анын айынан уйгур мамлекети аз жерден ойрону чыкпай аман калат. Тибеттердин аскерине кол башчылык кылган Шан-шаңзан уйгурлардын күчүн анчалык бийик баалаган эмес:

«Уйгур – чындыгында чакан өлкө. Бир кезде мен ага жортуул жасап, урушканмын, алардын байтагына жакындап кирип барып калган элем, капысынан падыша каза болду деген кабар жетип, өз жериме кайтууга туура келди. Аскерий күчү жагынан алганда бул мамлекеттин жадесе биздин атаандашыбызга да алы жетпейт».

Уйгурлардын күчтөн тайып, алсыраганына карабай кыргыздар менен болгон согуш создугуп кетти. Эки тарап Тува жеринде айкашып, чабышып турду.

«Хойхулардын каны көп кол курап, министрин жоого атказды, бирок ал ийгиликке жете албады. Кан жыйырма жыл согушту.

Акырындап оомат кыргыздарга оой баштады. Жеңишке демденген Ажо кабар айттырды:

«Сенин күнүң бүттү. Жакында мен алтын ордоңду аламын, алдына атымды байлап, туумду саям. Эгер мени менен кармашканга карууң болсо, токтоосуз келгин, эгер кармаша албасаң тезинен кеткин».

Жоодо жолу болбой, уйгур каганатында ырк кетип, бийлик ыдырай берди. «Бао-И өлгөн соң; тактыга Чун-дэ каны отурду, ал төрт жыл кандык кылып, 825-жылдын башында каза болду. Ага мураскор болуп иниси Гэ-са Торэ шайланды, кагандын тагы – Чжао-ли канга тийди, 832-жылы ордодогу кутумдардын бузукулук иштеринен курман болду. Анын бөлөсү Ху-торэ кандыкка келди, 839жылы биринчи министр Гюй-ло-фу ага каршы жаңжал чыгарып, шатону жардамга чакырып, күчтүү кол курап, Карабалгасунду көздөй аттанып жөнөгөндө өзүн-өзү өлтүрүп тынды. Гюй-ло-фу эрезеге толо элек Кэ-си-торэни кан көтөрүп, такка отургузду да, анын атынан мамлекетти башкара баштады».

Согуш уйгур каганатын экономикалык жактан да кедерин кетирди. «Ошол жылы жут болду, андан соң оору чыгып, кар калың түштү, кой, жылкы боо түшүп кырылды».

Аңгыча Гюй-ло-фунун аталык бийлигине моюн сунбай уйгурлардын кыргыздар менен чабышып жаткан аскерине кол башчылык кылып жүргөн Гюй-лу Мохэ адабат чыгарат. Ал кыргыздар тарапка өтөт. Гюй-лу Мохэнин чыккынчылыгы уйгурлардын борбору Орду-Балыкка көздөй кыргыздарга жол ачат.

«Хойху каны согушту уланта албады. Акыры анын аскер башчысы Гюй-лу Мохэ кыргыздардын Ажосун хойхулардын ордосуна алып келди». Ал «хагастар менен биригип, 100000 атчан кол менен хойхулардын шаарын басты, канды өлтүрүп, Гюйло фунун башын алды, анын ордосун өрттөдү».

Орду-Балыктын алдындагы чоң чабышта кыргыз кошууну уйгурларды талкалайт. «Кан салгылашта өлдү, анын Дэлеси алдаалап качты». Кыргыздар Орду-Балыкты алып, кыйратып, күлүн көккө сапырды. Уйгурлардын байтагына жамаатташ дыйканчылык аймактар да майкандалды.

«Ажо өзү башчылык кылып, ордосуна жана канышанын отурук жайына от койду. Ушул урушта кыргыздарга көп олжо тийди.

«Хойху каны демейде алтын чатырда отурчу. Ажо анын бардык казына-мүлкүн олжолоп, Тай хэ канышаны туткундап алды; ошондон соң өзүнүн ордосун Лао-Шань тоосунун түштүк этегине көчүрүп барды». Уйгурлар тополоң түшүп, тоз болду. Хойху журту чабылып-чачылды».

Кэчжили тегин баш болгон уйгур, телес журтунун чакан жамааты Байкалдын атырабына, Хучо тегин баштаган экинчи тобу Түштүк Маньчжурияга кидандардын жерине кире качты. Алардан бөлөк дагы эки тайпасы түштүк-батышка, Тан империясынын чекарасына жакын жактарга ооп кетти.

Мурдагы каган аймагына караган уйгурлардын он үч уруу тайпасы, анын ичинде йаглакар тукумундагылар «Уцзэ тегинди каган кылып көтөрүп, Цоцзытань тоосунун түштүк өндүрүнө келип жашынышты. Ормузд, Наир Чур, Чисин жана Буку баштаган уруулардын жамааты өзүнчө бөлүнүп качат. Йаглакар тукумунан чыккан бектердин жетегинде дагы бир уйгур уруусу Алашандын жака-белине качып келет, алар кийин, X кылымдын башталышында бул жерде Ганьчжоу уйгур кандыгын түзүшөт. Уйгурлардын экинчи бир тайпасы Эдзин-гол дарыясынын өрөөнүнө корголоду.

«Уйгур министри Сачжи (тан императорунун) бөлөсү Пан тегин, анын беш бир тууганы Наньлу, Эфен жана башкалар» менен бирге уйгур, эдиз, буку тонгра сыяктуу он беш тайпа элди баштап, Чыгыш Түркстанга кирип кетет.

Дал ушул сүргүн уруулар кийин баш кошуп Турпан уйгур ыдыккут өлкөсүн курашат. Уйгурлардын жана телес тукумунан тараган уруулардын кай бир бөлүгү батышка, Иртыштан ары кимактардын жерине өтө качып кутулат. Ал эми кыргыздар тарапка өткөн уйгурлар менен телес урууларынын айрым бөлүгү Монголияда калат. Алардын анчалык көп эмес жамаатын кыргыздар Минусин ойдуңуна көчүрүп кетишкен. Минусинде ошол учурлардан алардын көрүстөн эстеликтери калган.

Ордо-Балыкты чаап алган соң кыргыз каганы уйгурларды толук талкаладым деп эсептеп, өз ордосун Монголияга көчүрүп келет да, Тан империясы менен дипломатиялык байланыш түзгөнгө аракет кыла баштаган. 841-жылы уйгур кагандын туткунга алынган аялын – теги жагынан Тан династиясынын тукумдарына кирген император Сянь-Цзундун кызы, кытай канайымы Тай-хэгунчжуну жоокерлерди коштотуп, Дулюй Шихэни башчы кылып дайындап төркүнүнө жиберет.

Муну менен кыргыздар, сыягы, бүткүл бийлик эми алардын колуна өткөндүгүн Тан императоруна билдиргиси келсе керек. Айтор, Тайхэ канайым дипломатиялык жана согуштук аракеттердин маанилүү объектиси болуп калат. У-цзе кагандын тобундагы уйгур жамааты бул учурда кыргыздарга каршы жигердүү каяша көрсөтө баштайт. Ал кыргыз чабармандарын жолдон тосуп талкалайт да, Тайхэни туткундап, аны өзүнө аял кылып алат. У-цзе каган муну менен Тан императорунан ары колдоо, ары коргоо тапкысы келген.

Уйгурлардын кыйын-кыстоо абалда калганын билген Тан өкмөтү аларды өз бийлигине өткөрүп, баш ийдирүүнү көздөйт. 842-жылы ноябрда Тянь-дэцзюнь аскер отуругунун чек арадагы сепилине кыргыз каганынан кат алып, Табу Хэцу (Тану Алп Сол) чабармандыкка келет.

Каган өз катында Тай-хэ канайымдын кабарын биле албай, аны издетип атайын аскер жөнөткөнүн билдирген, «Кыргыздар генерал Табу Хэцзуну башкаларды Тянь да аскер отуругунун сепилине жиберишти… ага кошумчалап Хэло дарыясына көчүп барып, эски уйгур мамлекетинин жеринде жашамакчы болуп жатканын; анын үстүнө беш уруу эл – Анси (Куча), Бэйтин (Бешбалык), дада (татарлар) жана башкалар аларга баш ийип беришкенин кабарлады».

Ушул маалыматка караганда 842-жылы эле Чыгыш Түркстандын бир катар аймактары, ошондой эле Чыгыш Монголияда, Гоби чөлүнөн түштүктө, Алашандын белинде байырлап турган татарлар кыргыздарга караган. Муну менен бирге кыргыздар Хэлочуань уйгурлары жашаган, алардын Хэдун сепили турган Эдзин-гол дарыясынын өрөөнүнө көчүп барууга ниет кыла баштаган.

Экинчи бир жазма даректер кыргыздар буга чейин эле Эдзин-гол өрөөнүн ээлеп алышкан деп айтылат. «Кыргыздар Хэло дарыясына көчүп келди, эски уйгур мамлекетинин жеринде турат, ага кошуп беш уруу элди – Анси (Куча), Бэйтин (бешбалык), татар жана башкаларды каратып алды деп Табу-Хэцзу айткан». Кыязы, кыргыздар уйгурларды кубалап, Монголияга гана эмес, ошондой эле Алашандын атырабына, Чыгыш Түркстанга чейин жортуулдап кирип келишкен болуу керек. Анткени алардын аталган аймактардан табылган эстеликтери да ушул мезгилге туш келет.

Тан сарайындагылар ушул жагдайдан пайдаланып, уйгур каганы У-цзени баш ийип берүүгө көндүрмөкчү болушат. Ага жиберилген кабарда мындайча айтылат. «Кыргыздар азыр уйгур каганын жообуз деп эсептейт. Канайымдын кабарын билмекчи болуп токтоосуз жортуулга чыкмакчы болуп жатышат. Бардык көчмөндөрдөн кол курап, түштүктү көздөй, чек ара боюндагы капкаларга чейин сыдырга салып кирмекчи. Азыр кагандын эли ач, аскери аз, эгер түмөн жоо капысынан качырып кирип келсе анын мизин кантип майтара алмаксыңар? Улуу Тан империясынын күч-кубаты гана кыйын абалда жардам боло алат».

Уйгур каганына ачык эле кеңеш беришти: «Кеч боло электе биздин улуу мамлекетибизге баш ийип бергениңер жакшы болор, ошондо өзүңөрдү коркунучтан куткарасыңар… Эгер кыргыздардын кабарын көрөбүз десеңер, аны көчүрүп жазып, дароо силерге жөнөтөбүз».

Бирок У-цзе кагандын көздөгөнү таптакыр башка болчу. Ал бүлүнгөн уйгурлардын күчүн бириктирип, Тан империясынын колдоосуна таянып, кыргыздар менен чабышсам деп ниеттенди. Императордун азык-түлүк жагынан жардам кылышын сурап, Тяньдэ сепилин Тайхэ канайым экөөнө убактылуу барымтага берүүнү өтүндү. Бирок уйгурлардын башка уруу башчылары У-цзенин бийлигин кабыл алгысы келбей, адабат чыгарышты.

«Уйгур министри Чисинь, ошондой эле… Буку менен Наир Чир тегин калкты У-цзеге моюн сунбагыла деп үгүттөдү. Чисинь кытайлардын чек арасын бузуп, кол салмакчы болду».

У-цзенин буйругу боюнча Буку менен Чисиндин башы алынды. Бирок ал элдин баарын баш ийдире албады, анын үстүнө уйгурлардын дагы бир уруу башчысы Ормузд Тан императорунун букаралыгын кабыл алууга ыктыярын билдирди. Кытайлыктар болсо уйгурлардан күчтүү кол курап, чек арага танапташ турушун каалаган эмес, ошондуктан алардын ички тышкы тыйкылыктарын күчөтүүгө ынтызар болгон. Бөлүнүп жарылган урууларды бириндетип баш ийдирип алуу аларга оңой болмок.

У-цзе каган багынып берүүгө ыктыярын билдирбеген соң… «ага (У-цзеге) аштык бербеди, анын эли ач калды». Аргасы түгөнгөн уйгурлар 842-жылдын күзүндө Тан империясынын чек арасын бузуп, кол салышат. Буга бир жагынан азык-оокаттын тартыштыгы, экинчиден, Ормузддун кытайлар тарапка өтүп кеткени себепчи болду. У-цзе каган аны өзүнүн кол алдындагы адамы деп эсептеп жүргөндүктөн, Ормузддун бул жоругуна абдан арданган болуу керек. Анын үстүнө уйгурлардын калган башка уруу башчыларын да Тан мамлекети айла-амалга салып, баш ийип берүүгө муюта баштаган эле.

Минтип отурса У-дзе каган бийликтен кол жууп, коколой өзү калмак. Ошондуктан «сегизинчи айда каган элин баштап Батоуфенден түндүктү карай жүрүп, Датунчуань аймагына басып кирди, ал жердеги кул-кутандардын түмөндөгөн мал-жандыгын, жылкысын жыйып алып, сүрүп айдап кетти. Анан багытын өзгөртүп, жортуул салып жүрүп отуруп Юньчжоунун капкасынан чыгат. Шаардын кол башчысы Чжань Сянь-Цзе сепилдин дарбазасын жаап, коргонуп калат. Тутхундар менен дансяндар үй-бүлөсүн алып, тоо арасына жашынат». Уйгурлардын талоончул жапырыгынан Тан империясынын букаралары гана жабыр тарткан.

Федераттардын, анын ичинде кытай тарабына өткөн уйгур кошуундарын мобилизациялап, император У-цзе каганга каршы кол жиберет. Ючжоу аймагындагы кытай аскеринин кол башчысы Чжан-Чжуну «Чисин элинин калган-каткан жамааты, ошондой эле У-цзе каганга баш ийген урууларды, бардыгы болуп 30 миңден ашуун адамды багынтып алды. Аларды ар кайсы провинцияларга бөлүп таратты».

Кытайларга Ормузд активдүү көмөк көрсөттү, ал кытай наамын алып, Ли Сы-чжун аталды, «кагандын букаралыгындагы калктарды баш ийүүгө көндүрмөкчү болуп, бир нече ирет уйгур көчмөндөрү турган аймактарга жоо уулап барып турду». Ал У-цзе кагандын өзүнө каршы уюштурулган жортуулдарга да кол башчылык кылды. «Лю Мянь шато кошуундарынын бир бөлүгүн Ли Сы-чжундун (Ормузддун) колуна толуктоо кылып бөлүп берди».

Уйгурлардын дагы бир уруу башчысы Аявир (Ли Хуншун) да кытайларга талапташ болуп урушуп турду, жеңиштерге жетишти. У-цзе каганга каршы жортуулдарга башка да букара уруулар: шато, тугухун, циби, тоба калкы катышты. Империянын бириккен аскерлери Ши Сюндун кол башчылыгы астында У-цзенин колун сүрүп, куугунтуктап отуруп, Шахушень тоосунун этегинде жетип талкалады. 10 миң адам набыт болуп, 5 миңдейи колго түштү. Мал-мүлктүн баары туткунга алынып, олжо болду.

Чабылгандан калган уйгурларды баштап, У-цзе каган шивэй уруусунун бир тарамы – хэйчэцзы элин көздөй Чоң Хинган тоосунун түштүк-батыш өңүрүнө качты.

Ушул казаттагы жеңиштин урматына арнап император өзүнүн аскер башчыларын сыйлык берип куттуктады. Алардын арасында Ли Сы-чжун (Ормузд) да бар эле. Бирок «анын аскери таратылып, чекара бойлорундагы ар кайсы генерал-губернаторлордун (У-цзеду) карамагына бөлүнүп берилди. Букаралар тамак-аш алууда ар кайсы губернаторлорго көз каранды болуудан коркушкан, (ошондуктан) козголоң чыгарышты, Хутохэ дарыясындагы чоң өзөндү басып алышты. Лю Мянь козголоңчулардан 3000 кишини тирүүлөй жерге көмүп өлтүрдү».

Уйгур бектери Панцзюйчже, Алтун Нин, Мицзе Кэдунь, Цао Мони жана башкалар эли менен ар түрдүү провинцияларга көчүрүлүп, туш-тушка таратылды. Чыккынчылыктын акыбети акыры келип ушуну менен бүттү.

Бул аз келгенсип кытайлар ошол букара уйгурларды күчкө алып ассимиляциялашкан. «Алар (уйгурлар) Тинчуань (Шэньси) жеринде жашап турган чакта күйөөгө тие элек кыздары алдын ала ханьцылар менен зына кылууга тийиш болгон. Алардан бир канча уул төрөп, 30 жашка келгенде гана өз уруусундагы эркектерге күйөөгө чыккан. Кызын сурап, куда түшкөнү келгендерге колуктунун атаэнеси: «Биздин кызыбыз «баланча менен, түкүнчө менен зына кылган» деп мартаба кылып айтышкан. Ал канча көп болсо, колуктунун кадыры ошончолук бийик болгон. Салт ушундай эле».

Ошентип, Тан империясы үчүн уйгурлар эми коркунуч болбой калды. Бирок кытайлар алардан дале болсо кооптонуп, кыргыздар менен өнөктөш болууга умтулушат. 843-жылы март айында кыргыз каганынан кат алып Кытайга алардын элчиси Чжун Хэсу (Чугу Алп сол) келет.

«841-жылы такка отурган император Вуцзун буга аябай кубанды, ошондуктан алыскы өйүздөн белек-бечкек артынып келген элчини Бохай королевствосунун элчисинен өйдө отургузду.

Жооп кайтарган катында император Вуцзун кыргыздардын уйгурларды талкалаганына канааттанганын билдирген. «Kөп жыл бою (Сиз) күч жыйнадыңыз, (уйгурлардын ыңгайсыз) жагдайынан пайдаланып, көтөрүлүп чыктыңыз да, тез эле кекээр-кээриңизди чыгардыңыз, катылуу оюңузду (бизге) ачтыңыз. Уйгурлардын ордосу таш-талкан болгон соң, «(эми) биздин эки өлкөнүн ортолугундагы тоолор менен дайралар (бизди) бөлө албайт. Бири-бирибизге коңшу болгондуктан, таберик-тартуу алып, кабарлашып турмакчыбыз деп үмүттөнөм».

Ошол эле катында император кыргыз каганын уйгурларды түгөл кырып-жоюуга тукурат: «Бирок (биз) чочулайбыз, качкындар кайра жамандык апкелер, өлкөбүзгө кол салып, өч алгысы келер. Буга сиз да катуу камданышыңыз керек, тымызын амалын таап, биргелешип (уйгурларга) кол салып талкалайлы, алардын тамырын жулалы, кийин балакет салбасын».

843-жылы апрелде кытайлыктардын элчиси Чжао фань кыргыз өлкөсүнө келип, хэхэс (кыргыз) канына императордун катын тапшырат. Анда мындай деп айтылган: «(Мен катты окуп, кандын Чоң Жетиген алдындагы аймакта (б. а., түндүктө) төрөлгөнүн, ызгаардуу талаада жашаганын билдим, (Сиздин) акылыңыз, ой-мүдөөңүз теңдешсиз, талантыңыз керемет. (Сиздин) айбатыңыз кутпадагы өлкөлөрдү титиретти, даңкыңыз Түндүк капкага (кытай борборуна) угулду».

Ушундай көшөкөр сөздөрдөн соң, император уйгурларды жамандап, аларды жок кылууга чакырат: «Уй гурлар… теңирин тааныбай кетишти, бардык (биздин) букара элдерге ырайым кылбас болду. (Мен) билдим, сиз укумдан-тукумга (алар менен) касташып жүрөсүз. Өч алгыңыз келсе, алардын мамлекетин, шаарларын кыйратыңыз да, падыша болуңуз, алардын башчыларын эң алыска, чөлдөргө кууп салыңыз. Уйгурлардын миңге жетпеген аскери калды. (Алар) тоолорго, өзөндөргө качып кетишти. Сиз, кан (аларды) жек көргөн соң, жапайыларды түгөл кыруу керек. Эгер күкүмү калса, анда кийин сөзсүз балакет чыгат».

Ошол эле 843-жылы кыргыздардын элчиси Вань Ухэ (Ургу Алп) келгенде каганга кытайлар дагы бир кат жөнөтүп, уйгурлардын турган жерин кабарлашат. Адаттагыдай эле ал да мактоо сөздөр менен башталган. «Кандын өнөрү укмуш, эрдиги айласыз. Туулгандан эле, баатырлыкка жаралган. Эр жеткенде күчү ташып даңкталды, акыры кутпа жерине бейкуттук орнотту, уйгурларды жексен кылды».

Андан ары кытай императору кыргыз каганын уйгурларды бардык жерде укум-тукумун калтырбай сөөгүн сөпөт, устуканын упат кылууга шыкактайт: «Уйгурлар азыр тукум курут боло элек, туфандар менен кытайлардын ортосунда турушат. Алардын күчүнөн жада калса хэйчецзилер да эбактан бери коркушат». Keп бул жерде Турфандагы, Ганьчжоу, Хэ-лочуан жериндеги жана түштүк-батыш Хингандагы уйгурлар туурасында болуп жатат.

«Уйгурлар азыр биздин мамлекетибизге чыккынчылык кылып, жообуз болду (Алардын) тамырын кыркуу керек, ошондо гана бейкуттук болот. Ансыз да көк теңир аларга өлүм (жиберди), аларга кол салып, басып алуу оңой.

Сиз, кан, оңтойлуу учурду пайдаланып, аларды тезинен кыйратпасаңыз болбойт. Уйгурлар таш-талкан болмоюнча Сиз, кан, жайчылыкта ичип-жеп, ээн-эркин аң уулап, чер жаза албайсыз. Жоого аттанар болгон соң; шашылган жакшы.

Бирок чоочуйм, Сиз, кан, багынгандын баарын кырып сала албайсыз го, күнөөкөрлөрдү кечирип, качкын бектерди өзүңүзгө алышыңыз мүмкүн бул биздин нааразылыгыбызды пайда кылып, чекарада калаба чыгарышы мүмкүн. Бул уу жыланды асырап, жамандык кылуу болот.

Былтыр уйгур министри башка да бирөөлөр кытай элчисине айтыптыр, Ли Цзин Сели – канды туткундап алгандан кийин өлкөдө болгон 20-30 эле киши калды деп, бирок (алар) кайра жабалактап чыкпадыбы?

Дагы уктум, хэлочуань уйгурларынын ордосу толук ойрон болбоптур. (Алар) өз жерин ойлошот экен, кайтсак деп эңсешет экен. Бул аймакты (элди) тезинен күм-жам кылуу керек, күкүмүн калтырбай күлүн сапыруу керек, ошондо ийгиликке жетебиз, алардын тилегин таш каптырабыз. Сиз, кан, аларга абалтан өчсүз, өзүңүз ашкан баатырсыз».

Ушундай маанидеги көшөргөн көкүтмөлүү сөздөр акыры кыргыз каганын муютса керек ал уйгурларга каршы жортуулга аттанам деп убадасын берет. Муну 843-жылдын августунда «Сяцзясыларга багышталтан каттан» баамдаса болот.

Андан соң (катыңызда) Сиз айтыпсыз: «(Биз) коркунучту жок кылгыбыз келет» – деп, бул эң сонун сөз. Уйгурлар түндүктө баатырлык кылып, бийлик куруп келишти.

Сиз, кан, алардын ордосун чаптыңыз, кегиңизди алып, максатыңызга жеттиңиз. (Сиздин) бул ишиңиз баарынан ашып түштү, баатырлык даңкыңыз түндүк өлкөлөрүн таң калтырды. Эми мындан кийинки иштерди ойлонуу керек. Быкшып күйгөн курумшуну таштап кетсе болор беле? Хэйчецзы журту ырайым күтпөйт, күч тилебейт, жоо болуп кала берет. Баш ийип бербеген соң, бул Сизди тоготпогону. Эгер ушуга чыдай турган болсоңуз, анда чыдабай турган эмне калат?

Мен ойлойм кан, Сиз (күн мурунтан) алардын кыйын абалынан пайдаланып, тандалма атчан аскериңизди атказып, уйгурларды качканы үчүн жазалайсыз, дароо багынып бербегени үчүн хэйзецзы элин да жазалайсыз. Жоготконду тапкандай, буга (жетүү да оңой). (Ошондо) кызыл кыргын экинчи чыккыс болот. Ошондон тартып баары тынчыйт.

Биз дагы бир ишти билдик, быйыл күздө (сиз) уйгурлардын ордосуна көмөкчү болуптурсуз, алардын улуу өлкөсүн кыйратмак болуптурсуз. Бирок (Сиз) эски жери ңизде калсаңыз деле бөлөк элдер (сиздин) кудуретиңизден коркуп турмакчы.

Жана да бир кабар уктук. Уйгурлар Ансыга качсак деп ниет кылып, тымызын жатыптыр. (Мен) ойлойм, сиз басып киргенде алар алдаалап качып берет. Жолдон баарын туткундап кыруу керек».

Каттан көрүнүп тургандай, Тан бийлиги кыргыздарды уйгурларга гана турсун, хэйчецзы элине каршы да тукургусу келген. Ошол эле учурда кытайлар кыргыздар менен жуук коңшу болуудан чочулашкан, ошондон улам аларды «эски жеринде» эле калса деп тилешкен.

Ошол эле 843-жылы кыргыздар кайрадан казат жүрүп, жоо сүрүп Чыгыш Теңир-Тоого (Чыгыш Түркстанга) басып кирет. Куча жана Бешбалык шаарларын камап алышат. Бирок бул Тан империясынын нааразылыгын пайда кылып, анын аягында калаймандуу казатка айлана жаздап барып токтойт.

844-жылы апрелде кыргыздар Тан сарайына Дидэ Исы- наньчжу (Тутук Иынанчи) баш болгон жаңы элчилигин жөнөтөт, кытайлар ага уйгурларга каршы Маньчжурияга биргелешип жортуул жасоо жөнүндө сунушун айтышат. Бирок кыргыздар андан баш тартып, өздөрү үчүн алгылыктуу жолду тандап алышат да, Хэлочуань уйгурларына кайрадан калайман салып, аларды Эдзин-гол дарыясынан сүрүп чыгышат.

846 (847)-жылы У-цзе каган өлөт. Бул тууралуу жазма даректеги божомолдун биринде аны уйгурлардын кытайлар тарабына өтүп кеткен кол башчысы Ли Хун-шундун (Аявирдин) тукуруусу менен хэйчецзы элинин кишилери өлтүргөн делинсе, экинчи бир божомолдо башкача айтылат.

Ага ылайык: У-цзе «Ючжоу отуругунда жеңилип калат. Кара сүргүндөн аман калганы талаада каңгып, ачыпарып азап чегет. Ошондо уйгур министри Мэйцюаньчже Инанчынын буйругу менен уйгурлар У-цзени Цзиньшань тоосунда өлтүрүшкөн».

847-жылы кыргыз каганы каза болот. Анын тан императорунан алган наамы Цзунин Хюн-Ву Чен-мин кан деп аталган. Жаңы каган Инву Чен-мин кан атка конот.

У-цзе каган өлгөн соң 3 миңге жакын уйгур чогулуп, анын иниси Энян тегинди кагандыкка көтөрүшүп, си элинин жерине көчүп барат, 847-жылы кытай кол башчысы Чжан-Чжун-у си элине жортуул жасап, басып кирет. Уйгурлар шивэй жерин көздөй качканга аргасыз болот. Чжан Чжун-у 849-жылы шивэйлерден качкан уйгурларды кармап берүүнү талап кылат. Бирок Энян каган «аялы Гэ-лу, уулу Ду-сы болуп, бардыгы тогуз киши батышка качып кетишет», калган уйгурларды жети уруу шивэй эли кул-күң кылып бөлүп талап алышат.

«Үч күндөн кийин Энян тегинди, уйгурларды алмакчы болуп кыргыздардын министри А-бо ар түрдүү уруудан куралган 70 000 кол баштап, Тяньдэ аскер отуругунун түндүк чек арасы тараптан жапырык салып келди. Ал шивэй элин чоң бүлгүнгө түшүрүп, алардын колунда калган уйгурлардын баарын жыйып, Гоби чөлүнөн түндүктү көздөй сүрүп айдап кетти».

Калыбы А-бону кыргыз каганы уйгурларга каршы биргелешип уруш жүргүзүү үчүн Тан өкмөтүнө жардам көрсөтүү иретинде жөнөткөн болуу керек. Балким, ал Эдзин-гол дарыясына жортуул жасаган кошуундун өзү болушу да ыктымал.

Кыргыздар алыска сыдырга жүрүп бир чети уйгурларды багынтууну көздөсө, экинчи жагынан Тан империясы менен «жайчылык жана туугандык» мамилесин бекемдөөгө умтулушкан. Бирок кытайлар кыргыздардын уйгурлар менен жоо болгонун колдоп, иш жүзүндө аларды күчтөнүп кетпесе экен деп чочулашкан.

«Хойху күч алып турган чакта аларга наам берилген, бактыга жараша алар кыйрады, андыктан болочокто коркунуч болбосун үчүн Хягастарды күч алдыруу кажет эмес. Империя төбөлдөрү кыргыздарга, «ардактуу наам» берип, аларды букара кылып алабыз деп ойлошкон, бул максат ордунан чыкпаган соң мамилесин үзүп, карым-катнашын токтоткон. Кыргыздар да кытайлардан өз кезинде жыл сайын уйгурларга берилип турган 20 миң кесим жибек сурап, «тартуу талап кылышат» деп чочулашкан.

Тан бийлиги кыргыздардын иши илгерилеп, ооматы жогорулап баратканын көрүп, эки жактуу саясат жүргү зүүгө аракет кылган. Уйгурлар менен калаба башталып, казат ачылганда эле ордо билермандары: «Эми бизге У- цзе кан менен жакшы ымала түзүү керек» деп айтышкан.

856–857-жылдары Тан ордосу «Каган тагын ээлөөнүн мөөр каты» жана «Каган тагын ээлөө тууралуу пикирлер» деген эки жарлык чыгарып, анда иштин чыныгы абалы башкача болгонуна карабастан, Борбордук Азияны башкарууга уйгур каганы укуктуу деп табылган. Ал турсун уйгурларга атайын элчи жиберишип, анысы Эдзин-голдон аларды таппай кайтып келген, көрсө, уйгурлар ал жерден эбак көчүп кетишкен экен, Кыргыз кагандары болсо жортуулдап басып алган жерлердин баарын эле биротоло ээликтеп алууга умтулган эмес.

Ошондон улам 848-жылы эле «уйгурлардын уруу башчыларынын бири Пан-Лэ Анси жерин ээлеп, өзүн каган кылып жарыялаган». 859–877-жылдарда уйгурлар Бейтин шаарын да ээлеп алышкан, ал жерде туруп Пу Гунун кол башчылыгы астында тибеттиктерге жортуул жасашкан, Хэлочуань уйгурлары болсо 875-жылы Алашандын атырабын басып алышат.

Кыргыздар бул кезде Тан империясы менен алакасын улантып турган, алардын элчилери 860–873-жылдары императордун ордосуна үч мертебе келип кетишкен.

IX кылымдын акырында кыргыздар кайрадан Чыгыш Түркстанга кол салып, кысып кирет. Алар Пенчул, Аксу шаарларын алып, Кашкарга чейин келишет. Кум-Туранын аска ташындагы сүрөттөрдө, калыбы, кыргыздардын ошол жолку жортуулдары чегеленген шекилденет.

Бул согушта кыргыздарга тибеттиктер өнөктөштөш болуп, уйгурлар менен чабышкан, 904-жылы кыргыздар, тибеттиктер Ли-Кэ-юндун түрктөрү менен бирдикте Тан империясындагы ички чыр-чатактарга аралашат. Бирок «Хягас хойхуну толук тыйпыл кылып талкалай албады».

Турфандагы уйгур кандыгы бул калайманда туруштук берип, аман калды. X кылымдын баш ченинде Ганьчжоу уйгур кандыгы пайда болот. Монголияда калган уйгурлар да бул мезгилде өз алдынчалыкка жетишет. 908-жана 918-жылдары алар кытаң (кидан) императорунун ордосуна элчилерин жөнөтөт.

Ал эми 916- жана 924-жылдары кидан императору Елюй Амбагян Монголияга эки мертебе жортуулдап келип, ал жерден кыргыздарды таба албай, «уйгур жерине кирет». Калыбы, көп жылдык согуштардан каржалып бүткөн кыргыздар кидандарга активдүү каршылык көрсөтө албаса керек.

Ошентип, Ички Азияда Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доору бүткөн. Кидандардын бийлиги орноп, алардын үстөмдүгү күч алган. Ошонун кесиринен бир бүтүн кыргыз эли экиге бөлүнүп ажыраган. Бир жамааты Саян-Алтай менен түндүк-батыш Монголия чөлкөмүн жердеп калган. Кейпи алар кидандарга көз каранды болуп турган окшойт. Жазма даректердеги кабарларга караганда Ляо империясына «хягастар такай элчилерин жиберип, салык төлөп турушкан». Бир катар окумуштуулар энесайлык кыргыздардын материалдык жана рухий маданиятына кидандардын таасири тийген деп эсептейт.

Кыргыздардын экинчи бир жамааты Чыгыш Түркстанда калган. Мусулман жазмаларында алардын жери тогуз-огуздарга (уйгурларга), карлуктарга, чигилдерге коңшулаш турат деп көрсөтүлөт.

X кылымдын этегинде алардын бир тобу Турфан уйгурларына көз каранды болуп калган. «Kөп сандаган уруулар түштүк жана түндүк тюцзюэ эли, чигилдердин чоң жана майда уруулары, ягма, карлук, кыргыз, барман, гет, урунгу калкы Гаочан мамлекетинин башкаруусунда турат». Андан кийинки доорлордо кыргыздардын ошол эки тобу бир-бирине кошулбай, окчун жашап калышкан.

САЯН-АЛТАЙ Б.З. II МИҢ ЖЫЛДЫГЫНДА. КЫРГЫЗ, КЫШТЫМ, УЙГУР БУДУҢДАРЫ

Б. з. экинчи миң жылдыгынын башталышында Энесай кыргыздары байырлап турган аймактардагы окуялар жайында жазма даректерде үзүл-кесил гана маалыматтар кездешет. Бул мезгилде жазуу-сызуусу өнүккөн, тарыхый салты бар маданий борборлордон кыргыздардын жолу кесилип окчун калган. Алар кидандар менен анда-санда гана алака жасап турушкан. Руна сымал жазуусунан да кол жууган.

Кидандардын таасири кыргыздардын жеринде, болжолдуу түрдө, X кылымда таасын сезилген деп жоромолдоого болот. Ляо мамлекетинин «батыштагы чек арасына» аталган кылымдын 30-жылдарында «агарып-көгөрүүнү көксөгөн» кыргыздардын өкүлдөрү келген. Бирок X кылымдын орто ченинде кыргыздар менен кидандардын ортосунда жалпы чекара оуцзюлюйге (алардын жерине) чейин жетет.

«Оуцзюлюйлардын батышында сяцзя, ал эми алардын түндүгүндө Шаньюй тунзюлери турат…»

Алар кээде кидан императорунун ордосуна элчилерин жөнөтүп, салык төлөп турушкан. 952-жылы «уйгурлар жана кыргыздар алман берип, элчилерин жөнөттү». Бирок бул Чыгыш түркстандык кыргыздар болушу ажеп эмес, анткени алар Ляо императорунун ордосуна уйгурлар менен бир күндө келип түшкөн.

X кылымда кыргыз каны ордосун Монголиядан Тувага көчүрүп кеткен. Кебетеси, ал Кемчик суусунун боюндагы капкалардын бирине келип токтогон окшойт. Бул жер кыргыздардын чыгыш жагында жашап турган фури уруусуна жакын эле.

«…Алардан анчалык алыс эмес жерде шаар бар, аны Кемжикет дешет, анда хырхыз-хакан турат».

X кылымдын этегинде ордо Саяндын түндүк тарабындагы аймактарга көчүрүлөт. «Көгменден кыргыздардын өлкөсүнө чейин 7 күндүк жол; ал мөлтүр булактар менен чырмалып өскөн чытырман токойлорду бойлоп, талаалар менен шалбааларды басып өтөт, андыктан бул жакка жоодушман өтө албайт; жолдун жээги кыргыздардын жерине жеткенге чейин бак сыяктуу дүпүйүп турат. Кыргыз хакандын аскер отуругу ушу жерде, ал өлкөдөгү эң башкы жана эң мыкты жер; ага барар үч жол бар; калган жактын баарын тоолор, чытырман токой тосуп турат. Үч жолдун бири тогуз туздарга, түштүккө кетет; экинчиси кимактарга, халыуктарга, батышка алып барат; үчүнчүсү талаага барып такалат, Фури элине жетүү үчүн үч ай жүрүү керек».

Мамлекеттин саясий борбору көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу көчмөн кыргыздардын жайгашкан чөлкөмдөрү да өзгөрдү. Эгер IX–X кылымдарда кыргыз эстеликтеринин басымдуу көпчүлүгү Тувада топтолуп, Минусинде алар салыштырмалуу түрдө аз жолугуп, Байкалдын аркы тарабында, Монголияда, Алтайда, Батыш Сибирде, Орто Сибирдин токойлуу аймактарында бирин-серин гана учураса, кыргыз маданиятынын XI–XIII кылымдардагы «суук-тэр» түрүндөгү эстеликтеринин көпчүлүгү Минусин ойдуңунан табылат. Тувада жана Томскинин жака-белинен азыраак кездешет. Монголия менен Алтайдан сейрек чыгат.

Ляо империясы менен кыргыздардын саясий мамилеси басаңдай баштайт. 976-жылы кыргыздардан белек-бечкек артынып императордун ордосуна элчилер келет. Ляо империясы бул кезде түндүк кытай аймактарындагы согуштарга көбүрөөк күчүн үрөп, жаналакетке түшүп жаткан болчу, ошондуктан Борбордук Азиянын талаалуу чөлкөмдөрүнө назарын бурууга буямасы келбей, ал жерде монгол тилдүү көчмөн уруулар кеңири таралып, жайгаша баштаган.

IX–X кылымдарда Чыгыш Монголия тараптан Иртыштын жака-белине кумоси (кимак) калкы көчүп келип, бу жерде Кимак каганатын түзүшкөн, ал XI кылымдын башталышында кыйрап жок болгон. Монгол тилдүү уруулардын кысымы астында түрк түркүмүндөгү уруулар Борбордук Азиянын талааларынан жер оодарып, батышка көчүп кете башташкан. Ушундай көчкүндүн (миграциянын) бири XI кылымдын биринчи жарымында болуп өткөн.

«Ошолордун ичинде кун деп аталган тайпа (адамдар) бар, алар кытай канынан коркуп Кытай жеринен ооп келген. Түпкү теги жагынан алар несториан тейиндеги тарсалардан тараган. Өздөрүнүн аймагын жайыт тардык кылгандан улам таштап кетишкен. Алардын катарында Икинжи ибн Кочкар Хорезмшах да болгон. Кай деген эл аларды куугунга алган. Беркилерден тигилер ары көп жана ары күчтүү эле. Аларды ошол (жаңы) жайыттардан кууп чыгышты».

Ошондо кундар шарылардын жерине көчүштү, ал эми шарылар болсо түркмөндөрдүн жерине кетишти. Түркмөндөр огуздардын чыгыштагы жерине оошуп, огуздар Армян деңизине жакын турган печенегдердин жерине кетишти».

Кундар, телес уруктарынын бири Кунь (Хунь) кидандардын жеринен Жунгарияга, андан ары кайлардын кысымы астында батышты көздөй сүрүлгөн. Мына ушундай көчтүн натыйжасында Ички Азиянын батыш аймактарына монгол тилдүү уруулар тарап, көбөйө берген. Махмуд Кашгаринин маалыматына ылайык, XI кылымда Жунгария менен Чыгыш Казакстанда «Кай, йабагу, татарлар…» мекендеп турган.

«Алардын ар биринин өз тили бар. Ошону менен бирге түркчө да жакшы билишет». Саян-Алтайдагы кыргыздардын жери менен Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын ортосуна кай элинин отурук-конуштары ээлеп жаткан. «Булардын арасында Хирхиз деген эл жашайт, алар абдан көп. Турган жери Жайкы-Чыгышта. Алардын түндүк жагында каилер менен кимактардын талаасы жатат, батыш тарабында болсо – йагмалар менен карлуктар (алардын жери) бар». Ошентип, XI кылымда монгол тилдүү көчмөндөр «Кергис мамлекетинин» улагалаш коңшулары болуп калышкан.

Ушундай коңшулуктан улам монгол жөрөлгөлөрү чыпкаланып кыргыз маданиятына өтө баштайт, XI–XII кылымдардагы кыргыздардын жоо-жарак комплексинде калак түспөл сыр жебелер кеңири таралат. Эндүү каңылтырдан кыталап, ичине кебез жаткырып соккон чопкут тондор пайда болот. Кемер курлардан жана ат жабдыктардын жасалгаларын даярдоонун жаңыча усулуна өтүү күч алат. Аларды көбүнчө темирден жасап, сыртына күмүш жалатып, кооздой башташат.

Кыргыз мамлекетиндеги борборлоштурулган аскерий бийлик акырындап күчүн жоготуп, ыдырай берет. «Алардын баары баш ийген падышасы бар, ал калктын кемкарчынан кабардар болуп турат. Жашы кыркка чыкпаган киши анын кашына келип, отура албайт».

Борборлошкон бийликтин бошоңдошу аймак башчылардын – иналдардын зоболо күтүшүнө себепчи болот. Аламан согуштарда олжого тунуп, дүнүйө-мүлккө карк болуп көнгөн кыргыз феодалдары – бектер эми андай мүмкүнчүлүктөн ажырап, көп учурда бири-бирине кол салып, өз ара чабышып, талоончул жортуулдарды уюштурушат.

Ушул мезгилге таандык кыргыз көрүстөндөрүнөн табылган материалдар көрсөтүп тургандай, ар бир бектин кесипкер жоокерлерден куралган өзүнчө кошуун-колу болгон, аларды согуш же жортуул маалында кыргыздар менен кыштымдардын эсебинен толуктап турушкан.

Кыргыз мамлекетинин карамагында ар түркүн уруулар: түрк тилдүү уйгурлар, аздар, андан тышкары Туваны, Алтайды, Минусинди тургундаган телес оолатындагы этностук тайпалар, ошондой эле Саяндын токойлуу аймактарын, Темирчи Алатоо жана Минусин ойдуңунун четки түндүк чөлкөмүн байырлаган кет, самодий тилиндеги элдер кыштымдардын (багыныңкы этностордун) абалында жашап турушкан.

Кыргыздардын экинчи бир жамааты б.з. II миң жылдыгынын башталышында Чыгыш Түркстанда турушкан. «Улуу державалык» доордогу кызыл кыргын, сары сүргүндөрдүн маалында кыргыздар уйгурлар менен чабышып, Куча, Бешбалык, Үчтурпан сыяктуу шаарларды бир нече ирет өздөрүнө караткан. Айрым шаарлар, мисалы Пенчул, бирде кыргыздарга, – бирде уйгурларга карап, колдон-колго өтүп турган. Мусулман жазмаларында кыргыздардын жери тогуз гуздарга (уйгурларга), карлуктарга, чигилдерге, ягмаларга коңшулаш деп көрсөтүлөт. X кылымдын башталышында кидандардын бийлиги орноп, анын натыйжасында кыргыздардын бул жамааты Монголиядан бөлүнүп калат. Иртыштын жака-белине жана Жунгарияга каи уруусу таралып, Кимак каганаты түзүлөт, ошентип түркстандык кыргыздарга түндүк тараптан каилер менен кимактар коңшу болот.

Кийинчерээк, X кылымдын этегинде кыргыздардын бул жамааты үч-турпандык уйгурлардын кол алдында калат. Коңшулаш мусулман уруулардын таасири астында кыргыздардын баштагы ырым-жырымдары, ырасмы-салты өзгөрөт.

«Кыргыздардын салтында өлүктү өрттөшкөн, муну менен алар от маркумдарды аруу кылып тазартат деп эсептешкен. Алардын өткөндөгү салты ушундай болгон, бирок мусулмандарга коңшу болгондон тартып, өлгөндөрдү өрттөбөй көмө башташты» (Тахир Марвазинин 1120-жылдагы маалыматы).

Демек, XII кылымда Чыгыш Түркстандын кыргыздары өрттөп көмүү салтын таштап, жерге көмүү салтына өтүшкөн жана муну менен маданий мааниде алганда энесайлык урукташтарынан айырмалана баштаган.

XII кылымдын биринчи жарымында чыгыш түркстандык кыргыздардын жерине Елюй Даши баштаган кидандардын черүүсү жапырык коюп кирет.

Чжурчжендер менен болгон чабыштарга катышып, Ляо империясы кыйраган соң Елюй Даши өз кошууну менен батышты бет алып, Алашандын атрабына, андан ары Чыгыш Түркстанды көздөй качат.

1130-жылы кидандардын сардары «кыргыздардын чегине келип токтойт; ошо чөлкөмдө турушкан элге кол салат, тиги эл (кыргыздар) да аларга каршылык көрсөтөт». Бул урушта кыргыздар өз жерин коргоп калат. Ошондуктан кидандар андан ары кетишет да, акыры Имилге жетишет.

Елюй Даши Жетисууну каратып алат да, 1133-жылы аскерин Кашкар менен Хотанга атказып, аларды багынтат. Ошондон кийин тынчтык бербегени үчүн кыргыздардан өч алмакчы болуп, аскерин алардын чегин көздөй жиберип, Беш-Балыкты багынтат. XII кылымда батыш Монголиянын Эктат-Алтай ашуусуна чейинки аймактарын наймандар ээлеп алат.

Аталган асырдын орто ченинде ошо наймандардын кол башчылары Наркыш-Таян менен Энлат-Каан Иртыш суусу «уйгурлардын өлкөсү» Турпанга улагалаш жаткан чөл менен тогошкон жерде, «кыргыз өлкөсүндө» жашаган «кыргыздардын уруусун чаптык».

Монгол тилдүү тайпалардын активдүү кыймылга келип, жанданышы Энесай кыргыздарын кысып, түндүктү көздөй сүрө берди. XII кылымдын акырында алардын жери айрым-айрым ээликтерге ажырап, бытырап бөлүнөт. Аларды иналдар башкарып калат. Акимдарлыкка мураскер адам кээ бир түрк урууларында ушундай даража менен аталган.

Кээде бул наам рун жазууларында «кан» деген сөз менен бирге учурайт. Ал кыргыз аксөөктөрүнүн мартабалуу ысмы катары да айтылган. Мисалы, Инал-оге, Огдэм-инал, Шубуш-инал ж.б. XII кылымдын этек ченинде Туба (КэмКэмжит) кыргыздардын ээлигинин биринен болуп калат. 1199-жылы Чыңгысхандан жеңилип, таш-талканы чыккан наймандардын каны Буюрук кыргыздардын өлкөсүнө кирген ошол «Кэм-Кэмжит жерине» баш калкалап качып барат. Бул окуя монголдорго кыргыздардын аймагын жапырык салып кирүү үчүн табылгыс шылтоо болуп берет.

Кыргыз мамлекетинин өз-өзүнчө майда шаркеттерге бөлүнүп бытырашы күч алган сайын алардын сырттан келген жоого каршылык көрсөтүү мүмкүндүгү начарлап күчүнөн тая берген. Монголдор басып кирген маалда кыргыздардын бирдиктүү мамлекети жана аскер күчү алсырап, аларга каршылык көрсөтүүгө шайы келбей калган эле.

Саян-Алтай монголдордун ээлигинде, кыргыздар монгол оторлугунда XIII кылымдын башында кыргыз мамлекети жалпы жонунан бир өлкө деп аталганы болбосо, иш жүзүндө өз алдынча турган эки чөлкөмдүк өлкөгө ажыраган.

«Кыргыз жана Кэм-Кэмжут бири-биринен бөлүнгөн эки аймак, экөө тең, бир музапатты (мамлекетти) түзөт. Кэм-Кэмжут – чоң дайра, бир тарабынан ал монголдордун аймагына (Могулистанга) туташат жана (анын) бир чеги Селенга дайрасы менен чектеш, ал жерде тайжиуттар турат; бир тарабы Ибир-Сибир өлкөсүнүн чектерине чейин созулуп, чоң дайра (бассейн) менен туташат, ал дайраны Анкара-Мурэн дешет. Кэм-Кэмжуттун дагы бир тарабы наймандар турган жерлерге жана тоолорго туташат. Кори, баргу, тумат жана байаут жана да монгол тегиндеги айрым элдер жашаган Баргужин Токум жери да бул аймакка жакын. Бул жерлерде шаарлар жана тургун жайлар көп, көчмөндөр сансыз».

Кэм-Кэмжут аймагынын аты Хем (өйдөкү Энесай) жана Хемчик дарыяларынан келип чыккан, Туванын чөлкөмүнө туура келет. Ал наймандар байырлаган Монгол Алтайына, Чыгыш Саянга (Баргужин-Токумга) жана туматтар, баргуттар, байауттар тургундаган Селенганын куймаларына чектеш.

«Кыргыз» аймагына Минусин ойдуңу кирген. Аны как жарып «чоң дайра Кэм-Кэмжут (Энесай) агып өткөн да, «Анкара-Мурэн» менен кошулуп, «Ибир-Сибир өлкөсүнө» (токойлуу Сибирге) чейин жеткен. Андан чыгышыраакта кори уруусу (курыкандар) жашап турган.

XIII–XIV кылымдардагы энесайлык кыргыздардын маданиятынан калган археологиялык эстеликтер ушул мезгилде кыргыздар байыр кылган чөлкөмдөрдү кыйла таасын көрсөтөт. Монгол доорундагы кыргыз коргондорунун негизги массасы Минусин ойдуңунда (кыргыз аймагына) топтолгон, Кий дарыясынын өзөндөрүнөн, жыш токойлуу Ибир-Сибир аймагынын чет жакаларынан да кездешет. Тувада болсо алар анчалык көп эмес, Алтайда алардан эч нерсе жок. Мунун өзү XIII кылымда Алтайда өзүнчө «кыргыз музапаты» болбогонун ырастайт. Дегинкиси «кыргыз өлкөсүн» Алтайга жайгаштыруунун жөнү жок.

«Кыргыз жана Кэм-Кэмжут» ээликтеринин ар биринде өзүнчө өкүмдар болгон, «Алардын падышасы (ар бири) ысмы башка болсо да инал деп аталат, ал эми бул аймактан чыккан зобололуу мартабалуу андай адамдардын уруусун иди дешет. Анын падышасы болгон… (жазылбай калган). Экинчи музапаттын аты – Еди – Орун, ал жактагы падышаны Урус-Инал дешет».

Эки аймактын иналы тең, бир тукумга – «иди» уруусуна кирген. Бирок «жуукташ музапаттын» экөөбү тең бир «малакатты» (падышалыкты) түзгөн, мындан улам доору бүтүп бараткан кагандык бийликтин кантсе да жалпы жонунан сакталып турганын, ал эми иш жүзүндө башкаруу иши бүт бойдон иналдардын (мураскорлордун) колунда болгонун билүүгө болот.

«Кыргыздардын эмирлерине жана төрөлөрүнө» барган монгол элчилеринин жол баянына арналган жазуулардагы маалыматка караганда, Еди-Орун Минусин ойдуңунда болууга тийиш. «Адегенде алар… (жазылбай калган) дешкен. Мындан кийин алар башка өлкөгө (барышты), аны Еда-Урун дешет, андагы эмирдин аты Урус-Инал экен». Кыргыз мамлекетинин чектери Ангарага дейре созулган. «Ал дайра (Ангара) Кихас деген шаарга жакын, Кэм суусу менен кошулган жердин так өзүндө. Ал шаар кыргыздардын музапатына тийиштүү».

XII кылымдын этеги жана XIII кылымдын башталыш ченинде монголдор наймандарды талкалап, Батыш Монгол жана Жунгар аймактарындагы түрк, монгол урууларын өздөрүнө каратып алат. Урушта жеңилген найман каны Буюрук «кыргыздардын мамлекетине караган жердеги Кэм-Кэмжут жакты» көздөй качат.

Тэмужин жеңилген будундарга Хорчини аким кылып дайындап, ага буйрук берет: «Улук бол да, Алтын тоого чейин мына ушул күн батыш өлкөсүн башкара бер». Ошентип жаңгел уруулары Хорчинин букаралыгына өтөт. Хорчи үч миң бадриндерге эле эмес, ошондой эле түмөндөгөн адаркин, чинос, төлөс, теленгуттарга чогуу ээлик кылсын, бирок (миң башылар) Тахай жана Аших менен бирге сурак кылсын. Ал Эрдыштагы жеңген элдерине чейин бардык конуш-жайыттарда тоскоолдуксуз көчүп жүрсүн, ошондой эле ал эсеп жеткис жаңгел элдерине бийлик жүргүзө берсин. Жеңген элдери Хорчинин улуксатысыз эркин көчүп конууга акысы жок. Өз бет алдынча көчүп-коном деп дегеле ойлобош керек.

1206-жылы атпай монгол курултайында Тэмужин улуу каган болуп шайланат да, Чыңгысхан атка конот.

«Бүт дүйнөнү» багынтуу ниети мына ошондо жаралган. Монголдор «жаңгел (чытырман токой) элдеринин» катарына кыргыздарды да кошушкан, ошондуктан аларды багынтууга Чыңгыстын чоң уулу Жочи-хан аттанган.

1207-жылы, «коён жылы Он кол аскерин баштап Жочи Жаңгел элдерине жөнөтүлгөн эле. Буха жол баштоочу болгон…» Ойротторду, буряттарды, бархундарды, урсугтарды, хабханастарды, хамхастарды жана тубастарды баш ийдирип, Жочи түмөн кыргыздарга жакындап келет.

Ошондо Жочиге кыргыз ноёндору Еди, Инал, Алдиер Олебек дегендер келишти. Алар Жаангерге кулдук урушуп, ак шумкар, ак боз ат жана ак булгун ичик тартуулап, таазим этишти. Жочи ошондон бери бизге карай бардык жаңгел элдерин, атап айтканда, шибир, кеедиин, баит, тахс, тенлек, төлөс, тас жана бачжиги элин монгол бийлигинин букаралыгына кабыл алды.

Ал кыргыздардын жол башчы нойондорун жана миң башчыларын, ошондой эле жаңгел элдеринин нойондорун өз жанына алып, Чыңгысханга жеткирди да, улуу каганга ак шумкар, ак боз ат жана ак булгун тартуулап, баш уруп таазим кылууну буйруду.

Наймандардын, коңшулаш башка уруулардын башына түшкөн калаймандуу тагдырды билип-көрүп туруп, кыргыз төбөлдөрү монголдорго согуш ачып, урушканга дааган жок, ошондуктан каршылык көрсөтпөй баш ийип беришти. Алардын нойон-башчылары менен миң башчылары Жочинин ордосуна, андан соң Чыңгысханга келишип, дүр-дүйнө белек тартуу кылып «кулдук урушту жана моюн сунганын билдиришти».

Булардын арасында кыргыздардын бир аймак башчысы – инал жана андан төмөнүрөөк даражадагы төбөлдөр бар эле. Башка бир даректерге караганда ошол эле жылы Чыңгысхан кыргыздарга элчи жиберген деп айтылат. «Алтандыл Букраны ушул эки падышага Чынгысхан чабармандыкка атказды да, (аларды) баш ийүүгө чакырды. Тигилер кичүүлөрдүн улууларга сый көрсөткөн белгиси катары ак шумкарлар менен Урут-Утуд- жу, Элик-Тимур жана Аткирак деген үч эмирин чабармандарга кошуп кайра жөнөтүп, (ага) баш ийип беришти».

Монголдорго каршылык кылбай багынып берип, кыргыз төбөлдөрү өз өлкөсүн азыраак мезгилге болсо да Кызыл кыргындан алакчылап калышты. Бирок «баш ийүү жосунун жасоодон» тышкары «жан салык» төлөө монгол аскерлерине жоокерлерди берип туруу милдети букаралыктын негизги шарты болгон.

Кыргыз-аскер кошуундарын өздөрүнүн жортуулдарында пайдалануу ниети монголдордо биринчи ирет XIII кылымдын 20-жылдарынын этегинде пайда болду.

1217-жылы туматтардын козголоңу чыкты, алар «кыргыз өлкөсүнүн чектеринде жашаган, ашкере согушчаак, жоокер эл болгон». Чыңгысхан «баарин уруусунан Наяноёнду (ал жакка) аттанууга буйрук берди, (бирок) аны бейтап болуп жатат деп айтышты. (Ошондо) ал Барагулноёнду жөнөттү». Монголдор «чоң калайман салышты жана тумат элин багынтты. Бирок согушта Барагул-ноён өлдү. Туматтар кекчил жана кас эл болчу, ошондуктан (монголдор) алардын көбүн кырышты».

Ата-теги жагынан хушин уруусунан чыккан Барагул сарбар монгол аскеринин «оң канатында кол башчы» болгон, Чынгысхан аны абдан бел тутуп барктаган, ошондуктан бул кабарды укканда: «Кантип мындай балакет болсун, Барагул өлүшү мүмкүн эмес», – деп айткан экен.

Мына ушундай аскер башынын ойрон болушу монгол аскеринин беделин кемитип, кадырына доо кетирген. Ошол себептен Барагул-ноён өлгөндөн кийин Дорбо Докшин – нойондун кол башчылыгында туматтарга каршы жаңы черүү жөнөтүлөт. Ал «жоокерлерди балта, керки, араа, теше жана башка керектүү шаймандар менен куралдантып… топоздордун изин кубалап жүрүп жаңгелди кыйып-араалап, жол салууга буйруду. Акыры тоодон ашып, эчтемеден бейкапар, баракат жаткан туматтарга капысынан качырып тийип кол салды жана аларды туткундап алды. Алардын арасынан жүз бүлөнү Барагулноёндун үй-бүлөсүнө кул-кутан кылып берди».

Бирок туматтардын мизи биротоло майтарылган эмес болчу. Андан кийинки, 1218-жылы «…жолборс жылында Баргужин Токумда жана Байлукта отурган туматтардын дагы бир жамааты козголуп чыкканда, кыргыздарга жакын тургандыктан улам аларды багынтуу үчүн монголдор кыргыздардан кошуун (черик) берүүнү талап кылды; тигилер берген жок да, көтөрүлүп чыгышты.

«Кыязы, туматтардын монголдорго айбат көрсөткөнү аларды шерденткен болуу керек. Чыңгысхан аларга өзүнүн уулу Жочини черүүсү менен атказат. Алардын «(кыргыздардын) кол башчысы Курлун (эле); (Нока деген монголдордун эмири) кайгуулчулардын кошуунун баштап жөнөдү; ал кыргыздарды сары сүргүнгө салып куугунга алды жана сегизинчи дайрадан артка тартып, кайра келди».

Курлундун кол башчылыгы менен көтөрүлүшкө чыккан кыргыздардын козголоңу монголдордун Саян-Алтай чөлкөмүндөгү бийлигине катуу коркунуч туудурган. Ошондуктан алар негизги аскердик күчтөрүн пайдаланууга аргасыз болушкан.

«Жочи жете келтенде Кэм-Кэмжут дайрасын муз басып калган эле. Ал муз аркылуу өттү да, кыргыздарды багынтып, баш ийдирип кайтып келди». Жочинин черүүсү Минусин ойдуңуна жортуул жасап, кыргыздар менен кошо кыштымдарды каратып, «Кянь дарыясынан… өтүп, андан ылдый карай жүрдү. Кэргистерди, ханькастарды, теляндарды, кэшдимдерди, хоин жана ирган элин багынтты».

Ушул «жортуулда жана кайра тартканда» Жочи-хан «кыргыздардын аркы жагында, бир айчалык жолдо (аралыкта) жайгашкан элдердин» (урасут, теленгут, куштем) жерлерин сыдырып өткөн, «ошол элдерди да багынткан». Ошентип, монголдор казат жүрүп, «жаңгел элдерин» баш ийдирүүгө бир айдай убакыт коротуп, Тува, Минусин, Тоолуу жана Монгол Алтай аймактарын аралап өтөт.

Ошол жортуулдан соң, Минусин талаалары ээндей түшкөн. Кыргыздардын бир жамааты чабылып, туткунга айдалып кетет, бир жамааты чытырмандуу токойлорго кире качып, чачылып тарайт. Дагы бир жамааты кутпа тарапка сүрүлүп, жоо колу жетпес аймактарга көчө качкан.

Монгол доорундагы кыргыз маданиятынын эстеликтери сан жагынан андан мурунку сууктэр доорундагы эстеликтерден алда канча аздык кылат. Ошол эле учурда кыргыздардын бир жамааты чогуу-чаран болуп жайгашкан кутпа тараптагы аймактарда, Кин дарыясынын өзөндөрүндө кыргыз коргондору көп жолугат, бул болсо кыргыз көчмөндөрүнүн түндүктөгү токойлуу түзөңдөргө жер оодарып сүрүлгөнүн далилдейт.

Чабылып-чачылганына карабастан, кыргыздар баштатан байырлап келген негизги аймактарын сактап калган, аларды монгол канынын вассалдары болуп эсептелген кыргыз төбөлдөрү башкарып турган. Алардын маданияты да өз бөтөнчөлүгүн жоготпой, акырындап өнүгө берген.

Кыргыздардын жери менен кошо бүткүл Саян-Алтай чөлкөмү «Улус жана журт түрүндө» Жучи-хан-ээлигине берилген. Бул аймактар монгол империясынын ТүндүкБатыштагы чет жакасы болуп калган.

1226-жылы Жучи өлгөндөн кийин кыргыз жери улуу хандын улусуна кирип, Чынгысхандын кенже уулу Тулуйдун бийлигине өтөт.

1229-жылы такка отурган улуу каган Угэдей букара элдердин «көңүлүн жайгарууну көздөп, меркиттер менен кыргыздардын арасынан байкерилердин кыздарын аялдыкка алат жана мунун аркасында жергиликтүү төбөлдөр менен сулелелик ынтымак түзөт.

Кыргыз кызы, «дзилицзиси – хутени» Жачин улуу каган Угэдэйдин төртүнчү «байбичеси» болуп калат.

Бирок кыргыз жериндеги бийликтин тизгин-чылбыры башка бир аялдын – Тулуй хандын жесири, керейит кызы Соркуктаны-бегинин колуна өтөт. Ал Ангара менен Энесай аркылуу ылдыйга, Алафхин, Адустан, Мангу жана Балаурнан тарапка экспедиция жөнөтөт:

«Соркуктаны-беги кеме менен миң киши кошуп (тиги өлкөгө), үч эмирди, атап айтканда, кар чукур уруусунан Тунликти, кара тут уруусунан Бахжуну жака (жазылбай калган) уруусунан Мункур-Хитнаны миң эрени менен жиберди. Алар жээкке (өлкөнүн ич жагынан) көп күмүш алып келишти, бирок аны кемеге жүктөй албады. Ошол аскерден 300дөн көбүрөөк киши кайтып келбеди, калгандары коңурсуган абадан жана ымшыган нымдан өлүштү. Эмирдин үчөөсү тең (айтмакчы) аман-эсен кайтып келишти жана көпкө жашады (ошондон кийин)».

Күмүш издеп барган бул экспедиция, кыязы, Батыш Сибирдин токойлуу саздак аймактарына жиберилсе керек. Бул жерде, айрыкча Обь дарыясынын адыр-күдүрүндөгү зыярат жайларда, чет жактардан ташылып келген күмүш идиштер көп мезгил бою жыйналып отуруп, өзүнчө эле казына сымак болуп үйүлүп көбөйгөн.

Угэдей өлгөндөн кийин 1241-жылы Гуюк-хан Монголиянын улуу ханы болуп калат.

1251-жылы каан тагына Соркуктан-бегинин уулу Мункэ-хан отурат. Ал козголоң чыгып кетпесин деп чочулап, Буха-нойонду «эки түмөн кол менен кыргыздардын жана Кэм-Кэмжуттун чектерине» атказат.

Калыбы, кыргыздардын жеринде туруктуу монгол кошууну болбосо керек, кыргыздар өз төбөлдөрүнүн тескөөсүндө турган окшойт.

1252-жылы Саян- Алтайга Соркуктаны беги өлгөндөн соң анын уулу Ариг-Буга ээлик кыла баштайт. «Анын жайкы отуругу Алтайда, ал эми кышкы конушу Теке менен Кыргызда эле. Алардын ортосу (аралыгы) үч күндүк жол», Ариг-Буганын кышкысын Минусинди конуштап турган себеби, муну менен кыргыздарды кыйкымдап кысып, ал жерден сүрүп чыгууну көздөгөн болчу.

1260-жылы Мунхэ-хан каза табат да, анын ордуна Ариг-Буга монголдордун байтагы Каракорумда улуу кан болуп жарыяланат. Бирок Кытайдагы монгол черүүсүнө кол башчылык кылып турган анын бир тууганы Хубилай Ариг-Буганын бийлигин кабыл тутпай коёт, өз кошуунун баштап ага каршы аттанып чыгат. Ариг-Буганын аскери талкаланат. «Ариг-Буга жана анын жоокерлери коркконунан башаламан түшүп качып жөнөштү, акыры жүрүп кыргыздардын өлкөсүнө келишти». «Жеңилип калганына арданган Ариг-Буга туткундарды өлтүрдү, кыргыздардын жерине жашынып алды». Кайрадан кол курап, аны Тангут өлкөсүнө аткарат, бирок бул жолу да жеңилип калат, кыргындан аман калгандары качып кетишти, кыргыздардын жерине келип, Ариг-Бугага кошулду… Айласы куруп, амалы түгөнгөн Ариг-Буга арып-азып, ач калган колу менен Кэм-Кэмжутка (жазылбай калган) дайранын боюнда турду, кандын келишинен коркуп, ага чабарман жөнөттү да, кечирим сурады».

Өзүнүн букаралыгында турган уруулардын баарын тоздуруп, алсыратып бүткөн соң, Ариг-Буга акыры жоолашып жеңе албасын түшүнүп, 1264-жылы Хубилайга багынып берүүгө аргасыз болот.

Ариг-Буганын сурагы, монгол колунун Минусин менен Тувада туруп калышы, ич ара тыйылбаган согуштардын азап-апааты, монголдордун жортуулдарына «жан салык» төлөп, дамамат катышып турганы, «Кыргыздардын жеринде ирденип алуу» үчүн «арып-азган, ач калган» жоокерлердин ашка жүк, башка жүк болгону, ушулардын баары энесай абалына салакасын тийгизбей койбойт эле.

Айткандай эле Саян-Алтай чөлкөмүндө кыргыздар өздөрүнүн үстөмдүк абалын монголдорго тарттырып жиберди да, акырындап негизги этнос болуудан кала баштады. Ариг-Буганын сурагы бүткөн соң кыргыз жерлери Юань империясынын карамагына өтүп, Лин-Бэй провинциясына кошулат, анын байтагы Каракорум болот. Ал аз келгенсип кыргыздардын жерлери бир нече административдүү улустарга бөлүнөт, анын ичинде Туванын түзөңдүү аймактарында Кяньчжоу Иланьчжоу.

Минусинде – кыргыз улусу түзүлөт. Жыш токойлуу Хань-хэна, Усы, Айкэл аймактары өзгөчө музапатчылыктарга бөлүнөт. «Бийликке келер менен Юань династиясы бул элди (цзилицистерди) бытыра-бөлдү, (алардан) тогуз миң түтүн түздү». Жучи хандын тушунда букаралык абалда болуп, Ариг-Буга бийлик жүргүзгөн мезгилде кышкысын монгол аскерлерин күзөтүп күтүп алардын утурумдук жортуулдарын алман берип турушса, кыргыздар Хубилайдын маалында туруктуу административдик башкаруунун түзүлүшүнө туш болушат.

1270-жылы Юань императору Хубилай дуанынигуан Лю Хаолини Саян-Алтайга аймак башы кылып дайындап, аны «алыскы жерлерге уруулуу журттардын сөзсүз көңүлүн жайгаруу» үчүн жөнөтөт. Бирок монгол аксөөктөрүнүн Хубилайдын бийлигине каршы адабат уюштурушу Ариг-Буга жеңилгенден кийин деле токтолгон эмес.

Ошол эле 1269-жылы монгол акимдеринин Талас дарыясынын өрөөнүндө болуп өткөн курултайы Ариг-Буганын өнөктөшү Хайдуну хан кылып шайлайт.

Монгол «эмирлери менен ханзаадалары анын ордосунда болду, Хайдуга келип, (ага) жыгылып баш урушту: «Ушуга чейин биздин айгайчыбыз Борак-ака эле, ушу кезде (биздин) падышабыз Койду-ака, ал кандай буйруса, ошондой кызмат кылабыз» – дешти.

Хайду Монголия менен Саян-Алтайга ээлик кылууга талаптанган, 1273-жылы Хайду тарапка өткөн кыргыздар Юань империясынын аймак башчысына каршы адабат чыгарат. «Кутпадагы кандыктар козголоң чыгарды. Хао-лини аскерлердин ордосуна алып келип, аз жерден өлтүрүп коё жаздады. Хао-ли адамдарга боорукер болгону үчүн гана алардын аскер башчысы аны азат кылды».

Хайдунун аскери 1276-жылы Монголияга чоң жортуул жасады. Юань бийлигине каршы чыккан кыргыз акими батылдык кылуудан чочулап, Лю-Хао-линин тамырын тартып көрүүгө аракеттенет.

1279-жылы аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт, «16-жылдын жазында Хао-лини козголоңчу аким Кянькяньчжоуга чакырат. Ага минтип айтат: «Император менден шек кылган эле, анын арты азыркыга апкелди». Хао-ли жооп кайтарат: «Шек кылган эмес. Эгерде акимден шек кылганда, анда акимди ордого чакырганда, (анын) кайта кетишине макул болот беле?»

Лю-Хао-ли баш бербеген калктын үрөйүнөн кооп санап, 1280-жылы «көп сандаган (адамды) баштап, башка жерге кетти, кол келишин күтүп, жапсарлуу жуукада коргонуп жатты». Бирок жардам келбеди, «козголоңчу акимдин аскери талкалады (аны)». Хао-ли батыштан кар баскан тоону ашып өтүп, «Алтай тоосунан ары көздөй чегинди, Хао-ли айласы куруп, туюкка кептелет, «ошондо козголоңчу акимдин миң башылыгына кийим-кечек берип, колго алат», ал аймак башчынын миң адамы менен Теби-Шань тоосунан торкулап кеткен туура жолго салып» өткөрүп жиберет, Хао-ли эптеп Кытайга жетет. Юань империясы кыргыз калкын жортуулдарга катышууга мажбурлап, аларды аскерий көчкүндөр катары империянын ар кайсы чөлкөмдөрүнө бөлүп таратып турган, бул болсо кыргыздардын эл катары жоюлуп, жок болуп кетишине алып келмек…

Калыбы, кыргыздарды мына ушул жагдай Хайдуну колдоп, анын тарабына өтүүгө мажбур кылса керек. Анын үстүнө аскерий көчкүндөр көп учурда какыр абалда калышкан. «1283-жылы Туле-Тунун байкер тургундарына багууга берилген 600 баш бука жакырланган кыргыздарга таратылсын деген жарлык айтылган».

1286-жылы Хайду хан Монголияга чоң жортуул жасаган. Ошондо кыргыздар анын бийлиги астында калган. Тук-Тимур нойон «кыргыздардын жерине кол салмакчы» болгон, бирок алар Хайдуга багынып беришкен.

Хайдунун ооматы жүрө баштаган сайын империянын ичинде борбордук бийликке кыр көрсөтүү аракети күч ала берген.

1287-жылы Маньчжуриянын аймак башчысы Наян Хайдуга өнөктөш болуп, Хубилайга карата адабат уюштурган. Аны басуу үчүн империя Борбордук Монголиядан кыргыздардан куралган аскерин аттанткан. Адегенде «1289-жылы Хэлинде жашаган кыргыздардын үй-бүлөсүн түгөлдөп, каттоо өткөрүштү, жарды жашагандарга жардам беришти», андан соң «ал жерде циэрцистерден (кыргыздардан) куралган аскер Хэлинден аттанып чыкты», ага кыпчак Тутуха сардар башы болуп дайындалды.

Наяндын козголоңу басылып, «кыпчактар менен канглыдан чыккан адабатчылар баары ыктыярдуу түрдө багынып беришти, алар Тутуханын карамагына өтүштү, 10 миң түтүндөн турган Халалу департаменти түзүлдү. Ар кайсы жерге чачылган кыпчак конуштары, бардык уруулар менен Аньси вандар Тутуханын башкаруусунда калат.

1292-жылы аскерин Хайдунун музапатын басып алуу үчүн жиберишет. «1282-жылы Тутуха Алтай тоо аймагын чаап, талап алды…. Кайтып келатып ал Хэлинге (Каракорумга) кирди. Ушул жерде ага кыргыздарды алууга буйрук келет.

1293-жылы жазында аскерлер Цяньхэ дарыясынан жайылып чыкты да, муздун үстү менен бир нече күн жүргөндөн соң гана кыргыз музапатынын чегине жетишти. (Тутуханын аскери) алардын беш уруу элин ээледи, аларды кайтаруу үчүн (монголдор) аскерин (алардын музапатына) жайлаштырды. Тутуха бул тууралуу кабар кылып, даражасы жогорулады… Кыргыздарды басып алганын угуп, Хайду (аларга жардам берүү үчүн) Ценьхэ (Энесай) дарыясына аскерин жөнөттү. Тутуха аларды кайра талкалап, Хайдунун аскер башчысы Болочту туткунга алды». Ошентип, кыргыз жери кайрадан Юань империясынын карамагына өтөт. Кыргыздардын бир бөлүгү Минусин менен Тувадан козголоңчул Наян нойондун мурдагы музапатына, Манчжурияга көчүрүлөт.

1293-жылы аталган аймактарга Усухань (Юаньсухань), Ханас жана цзилицзи…(кыргыз) урууларынын калган жамааттары да көчүрүлөт. Император Хубилайдын буйругу менен кыргыздар, калган башка уруулар аскерий көчкүндөр катары атайын курулган Чжаочжоу шаарына апкелинет. «1293-жылы ага (Хара-Батурга) кайрылып император Ши-цзу (Ху билай) айтат: «Байыркы Наян жери Абалаху деп аталат, ал балыкка мол. Азыр мен ал жерге шаар курдум, ага үч уруу элди: юаньсухандарды, хакастаущы, цзилистерди (кыргыздарды) отургуздум. Бул Шаар Чжаочжощ деп аталат. Сен, ошол жерге бар да, сюань-вэйниний (округдун начальниги) кызматын карма».

Кыргыздардын экинчи бир жамааты «Хэсыхэ жерине», Маньчжуриянын дагы бир аймагына көчүрүлгөн эле. «1293-жылы Ши-цзу (Хубилай) Хэсыхэ жерине аскер көчкүндөрү катары чжирхэхусотай (лык) цирцзистердин (кыргыздардын) 700 үй-бүлөсүн жай алдырды».

Бул чаралардын баары козголоңчул урууларды этностук бөлөк-бөтөн чөйрөгө көчүрүп таратып, көчкүндөрдүн өзүн ал ар байыр алган аймактарды катуу көзөмөлдөп туруу максатын көздөп жасалган. Башкаруунун мындай тартиби император Хубилай өлгөндөн кийин деле улантылып келген.

Император Тэмурдун тушунда «1295-жылы Цзиншань (Алтай) тоосундагы кыргыздарды Шаньдунга көчүрүп келишип, аларга жер, өгүз, аштык беришти». Мына ушул калайманда жер которуп, чачылып тарап Энесайда кыргыз эли абдан чоң жапа чекти. Ал сан жагынан алда канча азайып, чогуу-чаран жайлаган жерлери тарыды. Минусин жайыгындагы кыргыз жана кыштым калкынын ооматы оошту. Ээн калган аймактарды кыштым уруусундагы тайпалар ээлеп калды. Монгол, бийлигин жүргүзгөн төбөлдөр кыргыздар менен жоолашууда кыштымдарга таянууга ачыктан-ачык аракет жасашты.

Монгол доорундагы кыштымдардын эстеликтеринен жоо-жарак турмандары аз кездешпейт. Кыштым уруусундагы ак сөөктөр жамаатынын көрүстөндөрү пайда болот. Коюлган ыскат буюмдары барк-наркы жагынан кыргыздардыкынан кем калышпайт. Кыргыздар качкын болуп, сүрүлүп келген жерлерден алардын айрым эстеликтери табылган; Борбордук Монголиядан, Каракорумдун чет жакасынан кыргыздардын өлүк өрттөлгөн бирин-серин таш мүрзөлөрү чыккан.

Юань императору Тэмур бийликте турган маалда, 1295-жылдан 1307-жылга чейинки мезгилдин аралыгында кыргыздардын жери Камал аким башкарып турган Линбэй провинциясынын карамагына кирген.

«Каракорум, Онон, Керулен, Кэм-кэмжут, Селенга, Баялык өлкөлөрүнүн кыргыздардын чектерине БурканХолдун аталган улуу Чыңгыс коругуна чейин баарын ал башкарат».

Саян-Алтай аймагынан кыргыздардын бир жамаатын сүрүп чыгарып, монголдор ал жерлерге этностук башка тайпаларын аскер отуруктарын түзүшкөн. XIII кылымдын аралыгында мындай отуруктар Туванын атыраптарында барпаа болот, кейпи ал Минусинде да болгон шекилденет.

Аларга монголдорду, уйгурларды, ал тургай кытайларды да жайгаштырышкан.

Кийин XIV кылымдын башталыш ченинде император Тэмур өлүп, бийлик Хулугхандын (1308–1392-жж.) колунда турган учурда да отуруктарды түзүү улантылган. Кыргыздардын жери бул мезгилде дале болсо Юань империясынын карамагында турган. XIV кылымдын этегинде Юань империясынын кыйрашы менен Саян-Алтай аймагындагы анын административдик системасы, аскер отуруктары жоюлган.

Кыргыз жерлери ойроттордун көз карандылыгына туш болуп, ойрот жана халкос кандарынын ортосундагы уруш-чабыштардын майданы болуп калган.

 

ЭНЕСАЙ ЖАНА ТЕҢИР-ТОО. ЧИЕЛЕНГЕН ТҮЙҮНДӨР

Энесай жана Теңир-Тоо кыргыздарынын этностук тектештиги жана азыркы кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу маселе окумуштууларды көптөн бери эле көйгөйгө салып келет.

Мындай пикирди ата мекендик тарыхнаамада биринчи болуп Г.Ф.Миллер айткан. Анын соңунан бул маселеге И.Э.Фишер кайрылып, XVII к. аягында жуңгарлар Россия менен түзүлгөн келишимге ылайык кыргыздарды Энесайдан Теңир-Тоого сүрүп көчүргөн болуу керек деп жоромолдогон. Бул божомолду К.Риттер, Ю.Клапрот ж.б. колдогон.

Н.Я. Бичурин болсо Энесай менен Теңиртоонун кыргыздарын эки башка эл деп эсептеп, өзгөчө көз карашты тутунган. XVII к. – XIX к. башталышындагы окумуштуулар негизинен XVII к. энесайлык кыргыздар жайынан кабар берген орустардын тарыхый документтерине, ошондой эле Хань, Тан жана Юань империяларынын тушундагы кытай хроникаларына таянышкан.

Бул маселеге кезинде Ч. Валиханов да кызыгып, АбулГази-Бахадур хандын чыгармаларындагы маалыматтарды, кыргыздардын тарыхый уламыштарын огожо тутуп, иштин түйүнүн чечмекке аракеттенип көргөн. Натыйжада, ал кыргыздар азыркы аймагынан эч кайда жер которуп, ооп-көчпөсө керек дегендей пикирде калган. Анткени уламыштарда «муну эл өзү караманча төгүнгө чыгарат, көчүп-көчпөгөнүн билбейт жана эстей албайт, жалпы баары Анжиян тоолорун өз мекени деп эсептейт, ушундан улам бу кыргыздар анжияндыктар (ошондон чыкканбы) болгонбу деген ойго келесиң. Чынында эле жапан кыргыздар азыркы жеринде, б.а. Кашкар менен Анжияндын ортолугундагы тоолордо эзелтен бери жашап келет».

Айтмакчы, «эзелтен» дегени Ч. Валиханов үчүн «XVII к. чейин» дегенди гана билдирет, б.а. ал кыргыздарды XVII к. Теңиртоого жуңгарлар сүрүп көчүргөн деген божомолду жокко чыгарат, болгону ушу. «Деген менен бул маселени бир жаңсыл кылып айкындоо үчүн, биринчиден, жапан кыргыздарды ошол сибирь кыргыздары менен бир эл, болгону Чыгыш Түркстанга Чыңгызханга чейин же анын заманында көчүп келген; экинчиден, мурда айтылып келгендей, сибирь кыргыздары күчкө салып көчүрбөй эле, тек гана ар кандай оңтойсуз кырдаалдардын айынан жер оодарып кетишкен, эми башта кайсы жерде жашаса ошол жерде турушат дегенибиз жөн болот».

Ошону менен бирге ал Сибирден Чыгыш Түркстанга кыргыздар моңголдорго чейин же алардын тушунда көчүп келиши ыктымал деп эсептеген.

Бул маселенин XIX к. орто ченине чейинки иликтелген натыйжаларына таянып, В. В. Радлов кыргыздардын Энесайдан Теңиртоого жер оодарып келишин адегенде IX к. Кыргыз мамлекетинин зоболосу көтөрүлүп турган мезгилинде алып барып тогоштурган. Бирок кийин бул пикиринен кайтып, кыргыздар Саяндын түндүк аймагындагы байыр кылган баштагы жеринен XIII к. моңголдордун дүмөгүнөн бир жамааты Теңир-Тоого, экинчиси Миң-Өзөнгө, үчүнчүсү Саяндын түндүгүнө сүрүлүп, үч багытта тарап кеткен болсо керек деген божомол жасалган. Муну ал этнографияга жана тил илиминдеги маалыматтарга таянып айткан.

Кыргыздардын урук-уруулары жөнүндөгү маалыматтарды пайдаланып, «бурут» жана «Болюй» деген терминдердин тектештиги жакында кытай жазуу булактарында айтылган жоромолду эп көрүп, Н.А.Аристов кыргыздар тээ, б.з. чейинки III к. бери эле усун деген ат менен Теңир-Тоодо жашап турган деп божомолдоду.

В.В.Бартольд болсо адегенде кыргыздарды Энесайдан Теңиртоого IX–X кк. көчүп келген деп эсептеген. Бирок, кийин 1927-жылы илимге белгилүү болгон бардык кытай жана мусулман жазуу булактарындагы маалыматтарды иргеп, иреттеп чыккан соң, «кыргыздар ушу азыркы жашап турган жеринде биринчи мерте XVI к. гана эскертилет, анын үстүнө, биз көрүп тургандай, бул жерге алардын качан жана кантип келишкени тууралуу эч кандай маалымат жок» деген бүтүмгө келет.

Ага Г.Е.Грумм-Гржимайло каяша айтып, «кыргыз буруттар» моңгол дооруна чейин Баргужин-Токумду байырлап, буряттарга коңшулаш жашап турган, ал жерден Теңиртоого «калыбы, XIII к.» көчүп келишкен көрүнөт деди.

Бул маселенин түйүнүн чечүүдө археологиялык табылгаларды кеңири колдонуу тажрыйбасын алгач ирет А.Н.Бернштам баштады. Анын божомолуна ылайык, кыргыздардын тарыхы тээ б.з.ч. IV миң жылдыкка, Энесай менен Теңиртоо жалпы бир этномаданий чөлкөм болуп турган алыскы доорлорго барып тогошот. Маданий жактан алардын «эң окшош» белгилери «андронов мезгилине туура келет. Жергиликтүү айырмачылыктары скиф доорунда күч алат. Бул мезгилде Энесай менен Теңиртоодо негизинен бир гана расалык тип; аны биз динлин тиби десек да болот». Бул этномаданий бирдик хуннулардын аламан жапырыгынан апаат болгон.

«Энесай менен Теңир-Тоо ошо кездеги Борбордук Азия Дөөлөттөрү үчүн эки фронт болуп берген. Хуннулар бир эле мезгилде усундарга, Энесай кыргыздарына да жортуул жасап турган».

Кыргыздардын «Энесайлык жана теңиртоолук» болуп эки тарамга ажырашы да ушул мезгилге туш келет. Сяньби, тоба жана жужандар үстөмдүк жүргүзгөн кийинки доорлордо эки «тарам» кошулбай, бөлүнгөн бойдон калган.

Түрк кагандыгы тушунда «Энесайлык жана теңиртоолук уруулардын кандайдыр бир деңгээлиндеги кошуу процесси» болуп өтөт, бирок теңиртоолук батыш түрктөр ушул эле мезгилде «Энесайлык кыргыздарга эки мерте чыңдап курал жазганга үлгүрдү». Андан кийинки кезеңдерде түрктөр менен уйгурлар эки майданда жоолашып, чабышып келди. «IX–X кк. Энесай кыргыздарынын ооматтуу доору, кыргыздардын баатырдык эпосу «Манастын» жаралуу доору болду». Андан кийин кыргыздар кара кытай, моңголдор менен жоолашып, алардан жеңилип калды. «Энесайдагы Кыргыз мамлекети акырындап жок боло баштаган».

Кочкордогу төрткүл казыналарынан табылган асем буюмдары менен өлүккө кошуп жылкы көмүлгөн көрүстөндөрдү А.Н.Бернштам Энесайдан Теңиртоого оошуп келген кыргыз маданиятынын издери деп эсептеген. А.Н.Бернштамдын айтымында Манастын прототиби 840жылы уйгурларды караткан кыргыз каганы болгон экен, аны окумуштуу «Яглаклар хан» деп атайт.

1953–1955-жылдары Кыргызстандын аймагында СССР ИАсынын археологиялык-этнографиялык комплекстүү экспедициясы иштеп, кыргыздардын этногенези жана этностук тарыхы боюнча материалдарды изилдеп-иликтеп чыкты. Анын натыйжалары СССР ИАсы менен Кыргыз ИАсынын кыргыздардын этногенези боюнча илимий сессияларындагы талаш талкууларда айтылып, экспедициянын негизинде чыгарылган эмгектерде баяндалды. Энесайлык жана теңир-тоолук кыргыздардын этностук байланышы боюнча изилдөөчүлөрдүн пикирлери эки ача болуп бөлүнүүдө.

Археологиялык топтордун бирин жетектеп, Ак-Бешим төрткүлүн казып-изилдөөгө катышкан Л.Р.Кызласов энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын этномаданий жактан бир уңгудан чыкканын көрсөткөн эч кандай белги табылбады деп ырастады. Арийне, ал мурдатан эле ушундай көз карашты тутунуп, Энесайда кыргыздар эч качан болгон эмес, аны «байыркы хакастар» гана байырлап келген деп көшөрүп келатканын эске алсак, андан илимий изилдөөлөрдүн башкача жыйынтыгын күтүүгө болбойт эле.

А.Н.Бернштам бул маселе боюнча өзүнүн көз карашын жогорудагыдай баяндады. В.П.Алексеев болсо антропологиялык маалыматтарды талдап келип, Энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын түпкү теги бир деген божомолду колдоду.

Кыргыз калкынын Теңиртоого ооп келгенин башка антропологдор да белгилеп, алардын таралып чыккан жери Алтай, көчүп келген мезгили б.з. II миң жылдыгына туш келет деп, болжоп тастыкташты.

Тилчи адистер азыркы кыргыз жана алтай тилдеринин тектештигин ырастап сүйлөштү. Этнограф С.М.Абрамзон кыргыз урууларынын курамында түрк, кыдан жана моңгол тегиндеги этностук тайпалар бар экенин аныктады.

Айтор, жалпысынан алганда, кыргыздардын түпкү тегин аныктоонун тегерегиндеги талаш-тартыштар маселенин али жетишсиз изилдегенин айгинелеп, аны мындан ары дагы тереңдетип иликтеп-үйрөнүүнүн зарылдыгын баса белгиледи. Колдо бар маалыматтарга караганда, кыргыз эли, анын маданияты эки уңгудан: орто азиялык тургун жана борбордук азиялык келгин уңгудан түптөлгөнүн айтууга болот.

1960-жылдардын башталышында К.И.Петров кыргыздардын этногенези боюнча бир катар эмгектерин жарыялап чыгарды. Ал кыргыз урук-урууларынын курамы тууралуу тили жагынан түркий тилдерин кайсы талабына кошуларын, кыргыздардын антропологиялык өзгөчөлүктөрүн талдай келип, кыргыздар моңгол дооруна чейинки мезгилде түз эле Энесай боюнан көчүп келиши мүмкүн эмес деген тыянакка келген. Анын ою боюнча, б.з. I миң жылдыгынын аягынан баштап Обь дарыясынын жогорку агымын тургундап, кийин Чыңгыз тукумдарынын ич ара араздашкан чабыштарынын маалында моңголдордун кысымына кабылып, XII–XV кк. Теңир-Тоого жер оодарып кетишкен кимак-кыргыз (кыпчак-кыргыз) уруулары азыркы кыргыздардын ата-теги болгон экен.

Ушундай көз караштарга катарлаш эле кыргыз элинин түпкү теги жөнүндө Л.Р.Кызласов өзгөчөлөнгөн пикирин көшөрүп айта баштады. К.И.Петров Энесайлык кыргыздарды Теңиртоолук кыргыздардын түздөн-түз ататеги катары эсептебесе да, «Обь дарыясынын жогорку агымындагы кыргыз-кыпчак уруулары», кимак-кыпчак жана кыргыз урууларынын ортосунда өзүнчө бир орток абалда турганын, демек «теңиртоолук кыргыздардын түпкү аталары Энесай кыргыздары менен этногенетикалык жагынан кандайдыр бир кыйыр байланышта болгонун жокко чыгарбай отурса, Л.Р.Кызласов Энесай менен Теңиртоо кыргыздарынын кенедей да жакындыгы жок деп караманча танып чыкты.

Анын ою боюнча Энесайда кыргыз аттуу эл эзели болгон эмес, байыркы хакастар гана жашаган, ал эми «кыргыз» деген ат бар болгону ошол хакастардын «башкаруучу ак сөөк уруусун билдирет». Азыркы кыргыздар «борбордук азиялык кыргыздар» деп аталган уруулардан, кезинде «түрк жана уйгур кагандыгына кирген ар кошкон элдерден, алтайлык, чыгыш казакстандык уруулар» менен тек-жаатчылыгы бар түрк тилдүү тайпалардан» тараган эл экен. Көрсө алар моңголдордун кол астында калып, «акырындап отуруп баарынын башын кошкон кыргыз деген атка конушуптур».

Л.Р.Кызласовдун пикири боюнча «Борбордук Азиядагы кыргыздар моңгол оторлугунун маалында Юань феодалдарына төбөсү менен жер сайып кызмат кылышыптыр», кийин алардын «негизги уюткусу XV к. Теңиртоого көчүп келишиптир».

Мындай көз караштарга каршы Ө.К.Караев катуу каяша айтып чыкты. Араб жана перси тилиндеги жазуу даректерин талдоого алган эмгегинде ал б.а. IX–XII кк. кыргыздардын байыр алган жерлери, алардын уйгур, карлук, чигил, йагма, кимак уруулары, «мусулмандар» менен коңшулаш турушканы, маданиятындагы айрым өзгөчөлүктөрү тууралуу кабарлаган бир катар маалыматтар Теңиртоонун чыгыш тарабында кыргыздардын бир жамааты эзелтен байырлап келишкенин кашкайта ырастайт деп баса көрсөттү.

Мындан тышкары Ө.Караев Л.Р.Кызласовдун Энесайлык жана «борбордук азиялык кыргыздар» боюнча көз караштарын адилет сынга алды. Бул сынды С.Е.Яхонтов, Н.А.Сердобов, ушул эмгектин автору жана башка изилдөөчүлөр колдошту. Ө.Караев К.И.Петровдун көз карашын да макул көрбөй, талашка чыкты.

Бирок «Кыргыз ССР тарыхынын» кезектеги басылышында кыргыз элинин калыптануусу жөнүндөгү бөлүмдөрүндө ушул маселе боюнча дал ошол К.И.Петров баяндап жазган позиция чыгарылган. Ошол эле учурда, ошол эле эмгектин өзүндө Энесай кыргыздарынын мамлекети кыргыз этносунун этностук компонентинин бири экендиги жөнүндө бөлүм да бар. Кыргыз тилинин тарыхында Энесайдагы жана Саян-Алтайдагы «байыркы кыргыз доору» белгиленет. Ошентип, кыргыздардын этностук тарыхындагы «Энесай» доору кыйыр түрүндө болсо да кабыл алынып, таанылган.

Ал эми «Кыргыз ССР тарыхынын» акыркы басылышында болсо кыргыз элинин ата-тегине байланыштуу маселенин «азыркы жандырмагы» теңирден тескери мааниде чечмеленген. Анын тарыхнаамалык бөлүгүндө: «… Энесайлык кыргыздар кыргыз элинин түпкү теги болгон эмес, алардын этностук уюткусунан хакас эли келип чыккан», – деп айтылат.

Арийне, аталган эмгекте кыргыз кагандыгындагы окуялар жөнүндө кабарлаган айрым маалыматтар келтирилет. Бирок ал окуялардын кыргыздардын тарыхына таптакыр тиешеси жок. Авторлор Алтайга сүрүлүп келген кыргыз тайпаларын ассимиляциялап, алардын этнонимин алып, «кыргыз» болуп аталып кетишкен Иртыш боюндагы кимактарды азыркы кыргыздардын ата теги деп эсептешет.

Авторлордун айтымында, XIII к. «Кыргыз хандыгы» дал ошол Алтайда болуптур. «Кыргыз деп аталган ошо кимак-кыпчактардын жери моңгол оторлугунун маалында Моголстанга кошулган экен. XV к. орто ченинде алар Теңиртоого көчүп келишиптир.

Бул көз караш С.Г.Кляшторный, А.М.Мокеев, В.П.Мокрынин жарнакташып жазган эмгекте андан аны өнүктүрүлдү. Булар кыргыз элинин «этногенездик уюткусу» Иртыштын жака белинде, Түндүк жана Тоолуу Алтайда түптөлгөн деп эсептешет. Анткени ал жерлерде X–XI кк. кимак-кыпчак уруулары менен үстөмдүк абалды ээлеген кыргыздардын Энесайдан ооп келген жамааты биригип, этносаясий тайпа түзүлгөн экен. XII к. кийин алар бүт бойдон кыпчактар менен жуурулушуп кетиптир, бирок, «кыргыз» деп аталып калыптыр. Иртыш боюнан, Тоолуу Алтайдан дал ошол кыргыздар XV к. орто ченинде жер которуп, Теңиртоонун жака белине келип жайланышып ал жердеги моңгол, түрк урууларын ассимиляциялап алыптыр.

Бул концепция V Түркология конференциясында аталган авторлордун докладында айтылып, бүйүр кызыткан талаш-тартышты чыгарды. Кыргыз этногенезинде кимаккыпчак кыргыз мезгили болгон деген пикирге Ө.Караев, Т.К.Чороев (Чоротегин), В.Я.Бутанаев, Ю.С.Худяков, Ю.И.Трифонов каршы чыгышты. Алардын бардыгы кыргыздардын этногенезинде «Энесай доорун» эсепке алуунун зарылдыгын айтышты.

Э.Р.Тенишевдин докладында кыргыз элинин жана тилинин калыптанышындагы Энесай, Алтай, Теңиртоо деп аталган мерчемдүү үч этаптын болгондугу көрсөтүлдү.

Акыркы жылдардагы талаш-тартыштар Энесай кыргыздарынын келип чыгышы тууралуу маселенин актуалдуулугун бекемдеди. Илимдин азыркы учурдагы деңгээлинин позициясынан алып караганда бул проблема боюнча айрым гипотезалар өзүнүн илимий маанисин жоготту. Алып айтсак, эрте темир доорунда, б.з.ч. I миң жылдыкта Энесай менен Теңиртоону жердеген учурлар, этномаданий жалпылыкты түзгөн деп айтышкан Н.А.Аристовдун жана А.Н.Бернштамдын божомолдору эскирди десек болот. Андан калса алардын айткандары аталган маселеге тикелей байланышпайт, анткени ошондогу гяньгун-кыргыз деген ким экенин, алардын маданияты кандай болгондугун аныктап чыгуу кыйын.

Н.А.Аристов кытай жазуу даректеринде б.з.ч. II–I  кк. жана б.з. XVIII к. окуяларды баяндаган кабарларда кезиккен айрым бир этнонимдер менен политонимдердин кыйыр үндөштүгүнө таянган. Азыр андай «окшоштуктарды» огожо көрүү эп болбос эле.

А.Н. Бернштам болсо Борбордук Азиянын эзелки калкын бир бүтүн этнос катары карап, хунну, сяньби, жужан, түрк, уйгурлардын аламан жапырыктарынан экиге бөлүнүп, б.з. I миң жылдыгынын аягында гана кыргыздардын бир жамаатынын Энесайдан Теңир-Тоого көчүп келиши менен «кайрадан кошулган» деп эсептеген. А.Н.Бернштам үчүн кыргыздар орто кылымдарда реалдуу жашаган түрк тилдүү калк эле эмес, динлиндердин «көк көздүү, сары чачтуу» тукумдары да болуп саналат. Бирок тарыхтагы динлиндер Энесайды да, Теңиртоону да дегеле байыр кылган, алар Моңголияда жашап, б.з. V к. гяньгундар менен «жуурулушуп» кетишкен.

Кыргыздардын IX к. Теңир-Тоого көчүп келишкенине далил катары А.Н. Бернштам сунуш кылган археологиялык табылгалар, атап айтканда, ыскат үчүн көрүстөнгө сөөк менен кошо жылкысын көмүү ырасымы да мезгил сынагынан өтө албады. Андай эстеликтер кыргыздарга эмес, түрк тилдүү башка элдерге таандык болгон. Бул жоромолго бир кезде кыргыздар ыскат үчүн көрүстөнгө жылкы коймо салтка өтүшкөн деп айткан С.В.Киселевдун, Л.А.Евтюхованын, В.П.Левашованын жаңылыш түкшүмөлү негиз берген. Бул пикир эбак эле кайрадан каралып чыккан.

«Борбордук Азия кыргыздары» деп аталган калк азыркы кыргыздардын түпкү аталары болгон имиш деп ырастаган Л.Р.Кызласовдун жаңы божомолу да эч нерсеге жарабай калды. Анын бул «табылгасы» кытайча «хэсыхэ» деген терминди качылардын бир тайпа уруусу «хасха» менен жаңылыш түрдө окшоштуруп алгандан, «ошондой эле «кытай иероглиф жазмасындагы» энесайлык кыргыздар (цзилицзисы) менен борбордук азиялык кыргыздарды (циерцисы) туюнткан терминдердин жазылышындагы айырмачылыктан» улам пайда болгон.

Кытай тилинен жана жазуусунан караманча кабарсыз экенине карабай иероглифтердин айтылышын Л.Р.Кызласов минтип биринчи эле жолу батылдыкка салып чечмелеп жатканы жок. Бирок бул анын божомолдорун бекемдеп бере албайт. «Хэсыхэ» ырастан эле качылардын жерин билдирип «цзилицзис» менен «циерцис» терминдеринин жазылышында айырмачылык болгон күндө да мындан моңгол жааңгеринин мартабасын ашырмакка энесайлык кыргыздарды багынтып-басып алып, а бирок өзүн ошол баш ийген журттун аты менен атап калган кандайдыр бир «борбордук азиялык кыргыздар» деген немени ойлоп таба коёт да, кайра ошол замат «борбордук азия кыргыздарынын тарыхын териштирүү биздин максатка жатпайт» деп, аларды ара жолго таштай салганы төгүн жерден эместир.

К.И.Петровдун көз карашын улантып, кыргыз-кимактары Алтайдан көчүп келишкен деп ырасташкан С.Г.Кляшторный, А.М.Мокеев жана В.П.Мокрыниндин пикири биз жогоруда кайрылып өткөн Н.А.Аристовдун, А.Н.Бернштамдын, Л.Р.Кызласовдун божомолдоруна караганда кыйла жүйөлүү өңдөнүп көрүнөт, бирок анын да арсар кылуучу жерлери аз эмес.

Алсак, азыркы кыргыз этносунун тил, маданият жана антропологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык алардын баштапкы байыр кылган жерлерин аныктоого аракеттенип, алтайлыктардын антрополингвомаданий өзгөчөлүктөрү менен болгон окшоштуктарды белгилеп келишет да, авторлор андай окшоштуктардын жаралган мезгилин жана жерин түк да капарга алышпайт.

Азыркы алтайлыктар дегеле Тоолуу-Алтайдын түпкү тургундары болгон эмес, андыктан окшош белгилердин жаралышы Жуңгария менен Моңгол Алтайын камтыган бир кыйла кеңири этнографиялык көп өзгөчөлүктөрүндө, маданиятында, фольклорунда, тилинде алтайлыктар түгүл, Саян-Алтайдын хакас, тыва сыяктуу башка элдери менен түспөлдөшүп турган окшоштуктары таасын байкалат. Үч автордун божомолундагы көптөгөн жалпы жоболор Алтай менен Иртыштын археологиясы жөнүндө азыркы кездеги билимдердин абалына дал келбейт.

Кыргыздар менен калмактардын маданияты IX–X кк. Обдун жана Иртыштын жака-белиндеги түзөңдүү аймактарда тогошуп, чектеш болуп турган, бирок андан «кыргыз-кимак» маданияты пайда болгон эмес. Кимактар Тоолуу Алтайды жердеген эмес. X к. кийин кимак кыйрап, жок болгон. Кыргыздар болсо ал кезде, б.а. XI–XII кк. Тоолуу Алтайды мекендеп турушкан, муну алардын ошол кездеги маданиятынан калган эстеликтери далилдеп турат. Мына ошентип, «Алтайда жана Иртыштын жакабелинде кимактардын кыргыздарды ассимиляциялап алганы» археологиялык табылгаларда тастыкталган жок.

Ассимиляциялашкан «кимак-кыргыз урууларынын» +б.з. II миң жылдыгын не башталышындагы, не андан соңку доорлордогу эстеликтери Теңир-Тоодон чыккан жок.

Тескерисинче, тарыхый маалыматтар менен археологиялык табылгалар б.з. II миң жылдыгы башталган мезгилде, б.а. Кимак кагандыгы кыйрап, тыйпыл болгондон кийин Иртыштын негизги калкы кыпчактар Теңир-Тоого эмес, батышты көздөй, Уралдын атырабына, андан ары Кара деңиздин кылааларын көздөй жер оодарып көчүп кетишкенин тана алгыстай тастыктап турат.

Алар XI к. тартып дал ушул аймактарда «половец» деген ат менен тарыхта белгилүү. Мына ушунун баары аталган автордун божомолдору олуттуу түзөтүүгө муктаж экенин көрсөтөт, демек, анын «кимак» делинген жалганма уңгусун керте чаап таштоо зарыл.

Өз кезинде айтылган бардык көз караштардын ичинен биздин пикирибизче, кыргыздардын Энесайдан Теңир-Тоого келиши эки этапта жүргөн деген божомолдун чындыкка бир кыйла жакындыгы бардай көрүнөт. Ага ылайык, адегенде кыргыздардын бир жамааты Энесайдан IX–X кк. Чыгыш Түркстанга жана Моңгол Алтайына көчүп келет да, алар б.з. II миң жылдыгынын башталышында энесайлык жана чыгыш түркстандык болуп эки этноско ажырайт, андан соң XV к. Чыгыш Түркстан кыргыздары Ички Теңиртоого жер оодарып келишет.

Бул көз караштын айрым өңүттөрүн мурда В.Радлов, В.В.Бартольд айтып өтүшкөн. Аны А.Н.Бернштам да колдогон. 1960-жж. башталышынан тартып муну Ө.Караев жигердүүлүк менен жактап, өнүктүрүп-өөрчүтүп келет.

Баарынан да энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын этногенетикалык байланыштары жөнүндөгү ушул пикир гана жазуу даректериндеги маалыматтарда түздөнтүз далилге ээ болуп жатат.

IX к. кыргыздар Чыгыш Түркстанга жортуул жасап, Беш-Балык, Куча, Үч-Турпан ж.б. шаарларды эчен ирет басып алып турушканы тарыхый далилденгени жалпыга белгилүү. Мындай аламан жапырыктар кыска мөөнөткө созулганы менен IX к. кыргыздар Чыгыш Түркстанды такай кол алдында кармап турган. X к. кидандар моңгол талааларын басып алгандан кийин гана Энесай кыргыздары Чыгыш Түркстанга жортуул жасай албай калышкан.

Бирок ал жерде кыргыздардын кайсы бир жамааты жашап калган. X к. аягында ошол кыргыздар турпандык уйгурлардын көз карандылыгында калган.

Бул тууралуу X к. акырында Турпандагы Уйгур хандыгына келип кеткен сун журтунун элчиси Ван Яньде эскерет. «Кыргыздар» ал жазгандай, түрк, чигил, йагма, карлук жана башка уруулар менен бирге «Гаочан мамлекетинин кол астында» турушат.

Ө.Караев мына ушул сыяктуу жазуу даректериндеги маалыматтарды ийне жибине чейин иликтеп чыкты. Ал маалыматтарда кыргыздардын жери Турпан уйгурлары менен коңшулаш уйгур идикуттары байырлаган ээликтердин түндүктөгү жана батыштагы чектерине жамаатташ, карлуктар менен йагмалардын жеринен түндүктө, чигилдердин түндүк, кимактардын түштүк капталында турганы айтылат.

Андан тышкары колтукташ жаткан «мусулман кошуналардын» таасири тийип, кыргыздардын маданияты айрым жактарынан өзгөрүүгө учураганы, атап айтканда, сөөктү мурдагыдай өрттөп көмүү адатынан жерге коюу салтына өтө баштаганы белгиленет. Мунун өзү аталган мезгилде кыргыздар Чыгыш Түркстанда жашашканын билдирет.

Демек, мусулман автору Энесай жана Чыгыш Түркстан кыргыздары жөнүндөгү маалымат даректерди көп учурда бир бүтүнгө бириктирип, чогуу жазышкан, кагазга каттаганда аларды өз-өзүнчө бөлүп, ажыратышпаганын тактоо гана керек.

Ошондон улам, XII к. каракидан гурханынын жортуулдары жөнүндөгү маалыматтарда Чыгыш Түркстан кыргыздары айтылып жатса керек деп божомолдосок болчудай. Анткени Кашкар менен Хотанды алган соң Елү Даши «кыргыздардын чегине аскерин атказып, Беш-Балыкты басып алса», демек, кыргыздардын «чеги» Беш-Балыктын жака-белинде болгон десек жүйөөлүү болот.

«Уйгур өлкөсүнө чектеш турган кыргыз аймагына» жапырык жасаган найман төбөлдөрүнүн жортуулдары жөнүндө да ушуну айтсак болчудай.

XIII к. Чыгыш Түркстанда кыргыздардын жери моңгол мамлекеттеринин карамагына өтүп, адегенде Чагатай улусуна, андан кийин Хайду улусуна карап, ал эми XIV  к. Хайду улусу кыйраган соң, Моголстандын курамына кирген.

Жазуу даректеринде бул мезгилдеги кыргыздар XV к. ушул аймакта жашаган уруулардын катарында бир нече жолу эскерилет. Кыргыздар Моголстандын токойлуу аймактарында жашаган «жаңгел» урууларынан болгон. Моголстан хандары үчүн алар мамлекеттеги «бардык чыр-чатактарды баштаган» күрөшчүл эл болгон себептүү кыргыздарды өлкөнүн борбору Теңир-Тоого сүрүп көчүрүп салышкан. Башка бир маалыматтар боюнча XV к. орто ченинде бир жамаат кыргыздар «калаймандан баш калкалап качып чыгышкан да, тоолорго (Теңир-Тоого) келип жашынган» экен. Мына ошол күндөн тартып кыргыздар Теңир-Тоодо туруп калышат.

XVI к. бул жерде кыргыздардын өз алдынча биримдиги болгону, ага Мухаммед Кыргыз башчылык кылганы тарыхта дайын. Чыгыш Түркстандан ушу кездеги Кыргызстандын аймагына жер оодарып келген мына ошо кыргыздардан азыркы кыргыз эли түптөлүп түзүлгөн.

ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: фольклор жана тарых

 

В. Я. БУТАНАЕВ,  И. И. БУТАНАЕВА

I БАП

ХАКАС САНЖЫРАЛАРЫ

1.1. Хакас-Минусин аймагынын байыркы элдери менен уруулары

Ортолук Эне-Сайдын түздүктөрүндөгү үнсүз турган он миңдеген бейиттер, түлөө, ырым-жырымдар өткөрүлүүчү сыйынт жайлар, ага байланышкан эски курулуштар, таш беттерине жазылган байыркы түрк доорундагы жазуулар менен өткөн доорлордон кабар берген жомок эмес прозалар өтө тыгыз байланышкан.

Төрт капталынан таштар менен курчалып, топурак үйүлүп курулган байыркы бейиттер (хак. күрен) хакас тарыхый фольклорунун маалыматтарында «ах харах» (ак карек) элине таандык экендиги баяндалат. Хакасиянын түштүк аймактарында, Абакан өрөөнүндө бул байыркы «тургундарды» «күргендеги чон» же «толадай чоны» – бейиттеги элдер деп аташары маалым. Уламыштардын жана байыркы мифтердин маалыматтарына караганда «ах харах» деген энчилүү атты бул эл ак жүздүү, ачык чырайлуу өңүнө карата алышыптыр. Алардын көздөрү да өзгөчөлүү болуп, каректин айланасындагы чели жок экен.

Алар зор чулу таштардан үйлөрдү, күмбөздөрдү, коргондорду тургузушкан имиш. Ошол үчүн бул курулуштун калдыктары хакастарда «ах харах чурту» ак каректүүлөрдүн журту деп да аталып жүрөт.

Мифологиялык баяндарда «ах харах» эли эгин айдап, түшүм алышкан эмес. Алар ак түстүү жылкыларды (ах маган) өстүрүшүп, үйлөрүндө иттерди жана үй канаттууларын кармашкан. Күндөлүк турмушта таштан жасалган балталарды, коло бычактарды колдонушкан. «Ах харах» элинин адамдарынын бою өтө бийик, алп денелүү жана күчтүү болушкан. Алар эч кимди тоотушпай, көктөгү кудайларга да ишенишкен эмес. Күн бүркөлүп, чагылган чартылдаганда асманга наалат айтышып, көктү көздөй таш ыргытышкан. Асман теңирине баш ийбей, каяша айтып жашагандыктары үчүн жазаланышкан дешет.

Хакастардын мифологиялык түшүнүктөрү боюнча Хакасияда «ах харах» эли жашаган мезгилде ак кайың өсчү эмес экен. Кийин ак кайыңдар ак каректүү элге асман теңири тарабынан жаза катарында жөнөтүлгөн экен. Коктуларга ак кайыңдар өсө баштаган мезгилде «ах харах» элинин адамдары жаратылыштын бул кубулушун түшүнүп-билүү үчүн тогуз баптуу Палабан-кам деген башкы шаманга кайрылышат; шаман тогузунчу коло бабынын жардамы менен ак кайың – бул Ак хандын бийлигинин символу, Ортолук Эне-Сайга ак кайың менен кошо Ак хандын бийлиги келет деген аян айтат.

Эркиндикти сүйгөн күч-кубаттуу «ах харах» эли теңир жиберген тагдырдын жазмышына баш ийгилери келишпей, ак кайыңдарды балталап кыя башташат. Бирок бир кайыңды кыйса анын ордуна эки, экини кыйса анын ордуна төрт, төрттү кыйса сегиз кайың өсүп, жылгалар дарактарга толуп кетиптир. Ошондо, «ах харах» элинин адамдары көрөр күнү, ичер суусу түгөнгөнүн сезишип, таш үйлөрүнө киришет да, тирөөчтөрүн балталап кулатышып, өздөрүн тирүүлөй көмүшкөндүгү баяндалат. Ээсиз каралбай калган иттери бир топ убакыттан соң жапайы болуп кеткен экен. «Ах харахтардын» тооктору бүгүнкү күндө тоодак деген ат менен белгилүү. Алар акыркы мезгилдерге чейин Хакас талааларындагы бейиттердин айланасында жашап келишкендиктери маалым.1

«Ак көздүү укмуштар» өңдүү мифтер Сибирь аймагындагы түрк-моңгол жана угро-финн тилдүү элдерде эзелтеден жашап келатканы маалым. Андан ары бул сюжет жергиликтүү сибирликтерден орус тургундарга өтүп, алар Уралдын артындагы кайыңдардын өсүшүн Ермактын келиши жана анын өлүмү менен байланыштырышат.2

Хакастарда «ак көздүү укмуштар» жөнүндө легендалар кеңири жайылгандыгына карабастан, анын түпкү тамыры жергиликтүү чөйрөгө таандык экендиги анык.

Археологиялык маалыматтар Хакас-Минусин аймагындагы тагар маданиятына таандык көрүстөн эстеликтеринин мезгилинде (б. з. ч. VII – I кк.) бул аймакта европалыктар өңдүү (европеид) адамдар жашаганын тастыктайт. Б. з.ч. III – I кк. таандык кытай жылнаамаларынын маалыматтарына караганда, бул аймакта узун бойлуу, көк көз, ак жүздүү, сары чачтуу динлиндер деген эл жашаган экен. Алар хуннулардын чабуулунан жана кыргыз урууларынын кысымынан кырылып жок болушкан.3 Ак кайыңды Ак хандын бийлигинин символу катары кароо кийинчерээк орустардын келишинен кийин пайда болгон. «Курган», «күркен» деген терминдердин мааниси түрк-моңгол тилдеринде кыш мезгилинде жашоочу таш, топурактан курулган бекем үйдү түшүндүрөт.4 Кийинчерээк «ах харах» элинин турак-жайлары деген уламыштын таасиринен улам «күркен» деген сөздүн мааниси өзгөрүп, коло доорундагы тагар маданиятына таандык бейиттердин аталыштарына өткөн. Болжолу, хакас мифтери аркылуу терминдин акыркы мааниси орус тилине өтсө керек.

Ортолук Эне-Сай өрөөнүндөгү байыртадан бери эле Красноярдан түндүгүрөөктөн арин (аара) деген уруу жашаган, алардын түпкү мекени Хум-Тигей аттуу ыйык тоонун этеги болгон.

Хакас уламыштары боюнча көп сандуу ариндер айланасындагы башка урууларга текеберденип мамиле жасашчу. Ариндердин түпкү мекени Хум-Тигейдин жанында жыландар ордосу болгон экен. Ариндер ордодогу жыландардын баарын кылычтап өлтүрүп салышат. Аман калгандары Чылан ханга (Жылан ханга) арызданып барышканда, ал ариндерге согуш жарыялаган имиш.

Күндөрдүн биринде арин уруусунан Таркан деген абышка Эне-Сайда балык уулап олтурган экен. Көп убакыт өтпөй дарыянын аркы жээгинен өзүн чакырган үндү угат. Кайыгы менен сүзүп өткөн абышка бет маңдайынан сансыз көп жыланды көрөт. Алардын ичинде тажысы бар башы зор жыланды байкап калат. Жыландардын падышасы Чылан-хан абышкага дарыянын аркы бетине алып өтүүнү буйруйт. Абышка жыландарды ариндердин жерине алып өтүүгө аргасыз болуптур. Жыландардын падышасы Таркан абышкага кайыңдын кабыгы жабылган үйүн айланта күл чачып, ала аркан менен курчап байлагын деп кеңеш бериптир. Түн киргенде жыландар ариндердин айылын курчап алышып, элин жебе сыяктуу атылып тийип кырып салышат. Таркан аман калып анын тукумунан «аара» уругу тарайт. Ариндердин жыландар менен согушунан кийин алардан коргонуу үчүн хакастар үйлөрүн ала аркан менен айланта курчап коё турган болушат.5

Скифтердин жыландар менен болгон күрөшү жана алардын өлүмү жөнүндөгү мифтик сюжет Геродоттун тарыхында да чагылдырылган.6 Бул сюжетти Эне-Сайдын бойлоруна улуу скиф маданияты мезгилинде жашаган иран тилдүү уруулар тарабынан алынып келинген, ал эми «аара» этнонимин арий-скиф урууларынын биринин аталышы менен жалпылыкта кароого негиз бар деген божомол айтууга болот.

Хакас элинин эсинде орто кылымдарда жашап өткөн байыркы элдердин энчилүү аттары сакталып калган. Чулум өрөөнүндө хоян (хойан) деген эл болгон экен. Чоң согуштар болгон өйдө-төмөн замандарда «хояндар» түштүккө, Июс талаалары менен Саяндан ары көчүп кетүүгө аргасыз болушат. Кара Июс дарыясынын жанындагы Хызыл-Хая тоосунан алыс эмес жерде аталган уруу көчүп өткөн Хоян Азии, б.а. Хоян ашуусу деген бел бар экен. Алардын ичинен кош бойлуу келин ашуудан өтө албагандыктан аны ошол жерге калтырып кетишет. Айкүнү жетип турган келин уул төрөп, ага «хоян уруусунан калган Хойгат мергенчи» деген ат коёт. Хойгат Ыстыгаш тоосунун жанындагы айылда өсүп-чоңоёт. Анын укум-тукумдары бүгүнкү хакастардын курамына жуурулушат.7

«Хоян» уруусун XIII к. Саян-Алтай тоолорунун этектеринде кыргыздар менен кошуна байырлаган «хоинурянха» же «хайинирген» деген токой элдери менен жалпылыкта кароого болот.8 Н. А. Алексеевдин оозеки айтылган пикири боюнча «хоян» этнонимин тувалардын Сибирдеги «соян» деген башка бир аталышы менен байланышта кароого болот, анткени, якут жана бурят тилдеринде түрктөрдүн «с» тыбышы «х» тыбышы катары берилет. Болжолу, «хоян» энчилүү аты хакас уламыштарында якуттар менен болгон алакалардан соң сакталып калышы ыктымал.

Тарыхый санжыралар баяндаган маалыматтарга караганда, Июс талааларында өткөн бир замандарда көп сандуу, өтө бай тумат деген уруу жашаган экен. Жайлаганы Айран-Көлдүн жээктерине, кыштаганы Тарча дарыясынын өрөөнүнө көчүп барышчу экен. Азыркы мезгилге чейин Айран-Көл жана Тарча дарыяларынын ортолугундагы анчалык чоң эмес түздүк «Тумат чазы» – Тумат талаасы деп аталып келет. Туматтардын аң уулоочу жерлери Ак Июс дарыясынын жогорку агымы тарапта жайгашкан; Ак Июстун бир куймасы байыркы «Туматтар сазы» деген аталышын сактап келет.

Туматтар сансыз көп кой, уй, жылкыларды кармашчу экен. Алардын аялдары кымыз жана айрандан, сүттөн жасалган аракты (арака) даярдоого үлгүрө алышпай, сүт азыктарын көлгө куюп жиберишчү экен. Ошол мезгилден бул көл Айран-Көл деген ат менен белгилүү болуп калыптыр. Хакастар бул көлдү ыйык деп эсептешип, анын суусуна түшүү, жуунуу, кала берсе жүзүн чаюу чоң күнөө болот деп ишенишкен. Тумат талаасында багылган бул уруунун сансыз көп малы төрт түлүк малдын ээсинин (мал чулазы, мал ырызы) духунун колдоосу менен көбөйгөн имиш. Имиштер боюнча колдоочу дух бою дарактай бийик, өңү кара киши болуптур. Ал өзү көзгө көрүнбөй, туматтардын малын кайтарып бакчу экен.

Туматтардын бир кызы Хара-Көлгө жакын жерди байырлаган Хас-Харлык аттуу шаманга күйөөгө чыгат. Күндөрдүн биринде Хас-Харлык туматтардын малынын Хара-Хөлгө өз алдынча сууга барып кайтарын байкап калат. Кунт коюп караган шаман чубалган малдын артынан өңү кара, дарактай бийик бойлуу зор немени көрөт. Хас-Харлык коркунучтуу желмогузду атып салат. Бул окуядан соң, Айран-Көлдүн жээгиндеги аскадан үч күн, үч түнгө созулган аялдын кошок-ыйы угулуп турган экен. Төрт түлүктү колдоочу духтун энеси: «Менин жалгыз уулум малын багып, туматтардын ишеничине кире албады, алардын башынан бакыт кетсин», – деп каргайт. Ошол окуядан кийин туматтардын малынын саны артпай, ылаңдан кырылып турат имиш.

Туматтардын ичиндеги бир көзү ачык адам малга тийген кырсыктын анык себебин айтканда, туматтар күйөө баласынан өч алмакчы болушат. Алар Хас-Харлыктын жылкы үйүрүн Хара-Көлдүн так ортосундагы «Соол-тубг» аралына айдап барып камашат. Арадан көп убакыт өтпөй жылкыларын издеген Хас-Харлык келет. Туматтар жаанын жебелери менен Хас-Харлыктын денесин теше атышканда ал өлбөйт, жарадар болот. Ошондо ал «Менин көкүрөгүмдү жылкынын курч кабыргасы менен ачып, жүрөгүмдү сууруп алгыла, ошондо гана өлөмүн. Андан соң жүрөгүмдү жээктеги аскадан Хара-Көлгө: «Курмандыкка тартабыз!» – деп таштап жибергиле. Ошондо гана силерге бакыт кайрылып келет! Силердин укум-тукумуңар, мал-жаныңар көбөйөт! – дейт. Туматтар шамандын өлөр алдында айтканын аткарышат. Ыргытылган Хас-Харлыктын жүрөгү сууга тийерде көк өрдөккө (көгiн өртек) айланат да, элге кайрылып: «Эми туматтарга кун жок, силер үчүн акыр заман болот», – деп учуп кетет.

Жаалданган туматтар Хас-Харлыктын сөөгүн бетин төмөн каратып көмүшүп, далысына теректен жасалган казык кагып салышкан экен. Ушул кезде да Хас-Харлыктын жападан-жалгыз бейити Хара-Көлдүн жанындагы талаада көрүнүп турат дешет.

Ошол учурдан тартып, туматтар тукум-курут боло баштайт экен. Көк өрдөктүн үнү угулар замат алар акылдарынан адашышып, көпчүлүгү өздөрүн-өзү асышып, жан-таслим болушуптур. Туматтар – көк өрдөктүн каргышына калган уруу деп айтылат. Көп сандуу уруудан Байдошевдердин тукуму гана аман калып, хакастардын курамына жуурулушкан делет.9 Туматтар Саян-Алтайдын эң байыркы урууларынан болот. XIII к. жазма булактардын маалыматтарында туматтар кыргыз мамлекетинин чектерине жакын байырлашып, согушчандыгы менен айырмаланышкан. 1218-ж. туматтар жаңы орноп жаткан моңгол бийлигине каршы чыгышкан. Кыргыздар өлкөсүнүн чегинде жашаган туматтардын козголоңун басуу үчүн кыргыздардан аскер сурашканда, алар Курлундун жетекчилиги астында көтөрүлүш чыгарышкан. 1218-ж. Жучунун атчан аскерлери (Чынгыз-хандын улуу уулу) көтөрүлүш чыгарган элдерди ырайымсыз жазалаган. «Туматтар кекчил, кара санатай эл болушкандыктан моңголдор алардын көпчүлүгүн кырып салышты» деп айтылат жазма булакта.10 Хакастардын тарыхый фольклору 1218-ж. козголоң чыгарган туматтардын кырылганын баяндаган. Мындан сырткары, туматтардын күйөө баласы Хас-Харлыкты байыркы түрк доорундагы карлуктар менен байланышта кароо кызыгууну жаратары шексиз.

Хакастардын тарыхый фольклорунда эзелки замандарда Хакас-Минусин аймагын байырлаган керемет элдер жөнүндө маалыматтар бар. Хакастарда токойлуу, ыраак жердин түпкүрүндө жашаган мусмалдар жөнүндө укмуштуу жомоктор өтө кеңири айтылары маалым. Уй туягы сымал буттары бар мусмалдар үстүнө өсүмдүктөр, чөп-чар кештеленип кооздолгон жабуу кийип жүрүшчү имиш. Алар тайга ичинде казылган жер үйлөрдө, дарактын кабыгынан курулган алачыктарда жашашып, хакас (кыргыз) айылдарында түнкүсүн пайда болуп турушчу экен. Алар жыт аркылуу из кууганды жакшы билишкен. Мусмалдар адам жегич болушкан. Алардын сүйгөн тамагы уурдалган жаш наристелерден жасалган шишкебек экен. Мусмалдар сырткы келбетин өзгөртүп, кубулуу касиетине ээ болушуп, өздөрүн мурда көргөн адамдардын келбетине окшоштуруп кубулуп турушканы айтылат. Алардан аман калуу үчүн дарактын башына чыга качуу зарыл эле, же жылгаяк музга качуу керек болгон. Мусмалдар табиятынан жалкоо келишип, биринин ийгилигине экинчиси көрө албастык менен мамиле жасашчу экен. Жергиликтүү калк бир нече ирет кагылышуулардан соң, адам жегичтерди (каннибал) тукум-курут кылышкан имиш. Сагайлардын бир бөлүгүнүн түктүүлүгүнөн улам, алардын мусмалдар менен жакындыгы бар деген имиш айтылат. Мусмалдардын өз тили болгон. Алар жөнүндө эстеликтер аягы «сас» мүчөсү жалганган Анзас, Томзас, Кызас ж.б.у.с топонимикалык аталыштарда сакталган.11

Кошуна Шорияда уламышта адам жегичтерди «хашхалар» деп аташат. Чулум татарларында алар – кыргыздар, алтайлыктарда кырсагалдар, ал эми туваларда – бүрүстөр деген ат менен белгилүү болушкан.12 Аталып өткөн уламыштагы элдердин фольклордук аттарында реалдуу тарыхый этнонимдер турат. Болжолу, хакастардагы «мусмал» деген ат менен кошуна байырлаган байыркы эл белгилүү болгон. Мусмалдарды байыркы түрк доорундагы басмылдар менен параллель кароо кызыгууну жаратары бышык. Байыркы түрк доорунда басмылдар («аргындашкандар» деген мааниде) кыргыздардан (цзйегу) түштүк-батыш аймакта жашашып, алардын душмандары болушкан. Уйгурлар менен союздаш болгон басмылдарды кыргыздар IX к. Уйгур каганатын талкалагандан соң, жок кылышса керек.13

Мифологиялык дөөлөр ит баштуу «мохсагалдар» хакастардын экинчи бир башкы душмандарынан болушкан. Кем акыл, аңкоо «мохсагалдар» да адам жегич болушкан. Хакасиянын эли аларды атайын казылган ороолордун жардамы менен жок кылышкан экен. «Мохсагалдар» этнониминин биринчи форманты моңгол тилиндеги «нох» же «нохой» – ит деген маанини туюнтушу мүмкүн. Маселен, тувалар менен тофалар моңголдорду «адай» – «ит» деп аташары маалым14 Анда «мохсагал» – «ит сакал» деген маанини берип калат.

Этнонимдин экинчи компоненти «сагал» Саян-Алтайдын көпчүлүк элдери менен урууларынын энчилүү аттарында сакталган. Тоолуу Алтайдагы теленгиттерде «сагал» аттуу ири уруу бар. XVII к. Түндүк Алтайдын

Бий дарыясынын өрөөнүндө жунгар ханынын букарасы «керсагал» уруусу байырлаган15. Лена дарыясынын ортоңку агымын эзелтеден байырлаган хара сагалдарды («кара түлкү») тувалардын курамындагы «хара сагалдар» менен жалпылыкта кароого негиз бар16 Якут тилинин маалыматтарына таянганыбызда «мох сагал» этнониминин экинчи компоненти ит тукумундагы айбанды билдирген.

Уламыштар Хакас-Минусин аймагынын алыскы токойлуу түпкүрүндө байыркы бир мезгилдерде «куренги», «куренчи» деген чана менен жүрүүчү эл болгондугун баяндайт. Алар табиятынан көзгө атар мерген болушкан экен. Куренгдердин тайгада жаралган, өзү жүрүүчү чаналары болгон имиш. Бул жандуу чаналардан (тынныг сана) бир да аң качып кутула алчу эмес деп айтылат.

Бир жолу хакас мергенчиси тайгада аң уулап жүрүп жогоруда эскерилген куренг менен достошуп калат. Куренгдин өзү жүрчү чанасын көрүп таңданган мергенчи: «Сен муну кантип айдайсың! – деп сурайт. Куренг «Чанага «үүк» деген буйрук берсең эле өзү чуркай берет! – деп жооп берет. Хакас мергенчиси чананы түн ичинде уурдоону чечет. Куренг уйкуга киргенде мергенчи сыртка чыгып, чананы минип, «үүк» деп айтат. Жылкынын териси капталган чана кыймылга келип, жүрө баштайт. Бирок, кандайча токтотууну сурап албаган хакас мергенчиси өз айылына жакындап келгенде чананы токтото албайт. Аргасы кеткен мергенчи чанага бычак сайып алганда кан чачырап кетет. Ошондон улам «Токто!» деген буйрукту билбеген хакастар өзү жүрчү чанасыз калышыптыр.

Азыркы күндө куренгдер жок, ал эми өзү жүрүүчү жандуу чаналар кайсыл жерде аны эч ким билбейт.17

Биздин пикирибизде, хакас мифтериндеги куренгдерди Саян тоолорунда Кыргыз мамлекетинин тушунда жашаган лыжа тебүүнү билишкен түрктөр менен байланышта кароого негиз бар. Кардын калыңдыгынан токойлуу жердеги түрктөр «жылкынын ордуна жыгачтан жасалган аттарды пайдаланышат, аны менен бугулардын артынан кубалашат. Алардын лыжаларынын түзүлүшү калкан сымал келип, жылкынын териси менен капталган. Аны бутка кийгенде жыгачтан жасалган чокой сыяктанып калат. Бийиктиктен түшкөндө бугунун артынан сыйгаланып кубалашат, ал эми түздүк жерде кардын үстүндө таяктарына таянып кайык өңдөнүп сүзүшөт».18 Лыжачан түрктөрдү «Купуя дастанда» моңголдор «токой элдери» деп аташары баяндалган.

Мифологиялык элдерге чечек жана кызылча орууларынын духтары жердеген «Ала аттуулар» деген керемет өлкөнүн калкы да кирет. Алар ак жүздүүлүгү, нурлуу көздөрү менен айырмаланышкан. Ала аттуулар өлкөсүндө чөптөр соолубайт, дарыялар тоңбойт имиш. Хакас мифтеринин маалыматтары боюнча Чечек өлкөсүндө фольклордо баяндалган каармандардын бирөө болуп кайтыптыр. Эне-Сай өрөөнүндөгү бир хандын Хара-Сарыг аттуу жалгыз кызы болуптур. Өлөөрүнүн алдында хан кызын жергиликтүү бир акимге күйөөгө берерин, тактыны күйөө баласына Калтыраары жөнүндө керезин айтат экен. Бирок, бул акимдин мурда аялы жана андан эки уулу бар экен. Бирок, аким бул сунуштан баш тартпайт. Арадан күндөр өтүп, жаңы үйлөнгөндөр уулдуу болушат. Бала он эки жашка толгондо эки улуу агасы Чыгыш Саяндардын чытырман токоюна аң уулоого алып барышып, калтырып кетишет. Хара-Сарыг ханышанын баласы тайгада адашып, жер кезип жүрүп, карагастар (хара хаас) жашаган жерге келет. Бир нече жылдан кийин карагастардан кайта кетүүгө туура келет. Ал Ала-Хыр (Ала-Сыны) аркылуу ак талаалуу өрөөнгө келет. Жайылган малдын дээрлик баарысы ала түстө экенин көрүп таң калат. Ала малдуу өлкөнүн калкы Хара-Сарыг ханышанын уулун байкашпайт экен. Күндөрдүн биринде сындуу курулган хандын сарайына кирип, ай десе айдай болгон сулуу кызды көрүп таңданып, аны өөп алганда, кыз мүрт өлүп калат. Ала аттуулар өлкөсүнүн калкы кыздын өлгөн себебин аныктоо максатында тогуз баптуу Паламор-кам деген шаман аялды чакырмакчы болушат. Шаман Паламор-кам зикир чалуунун тогузунчу күнү: «Күн тийген жерден келген конок бизди оорутуп жатат», – дейт. Аны карап тургандар «Бизге кайдан келсе, ошол жакка кетсин!» деп чурулдашат. Паламор-кам өзүнүн тогузунчу бабын колуна алганда Хара-Сарыг ханышанын уулу эс-учун жоготуп коёт да, ойгонсо өз үйүндө болуп калыптыр. Паламор-кам бул жигитти сыйкырлап бабына салып, Ала аттуулар өлкөсүнөн сыртка алып чыгып, өлгөн кызды да кошуп берген имиш. Ошондон кийин Хакас-Минусин аймагына «көзгө көрүнбөс коноктор» келишип, Ала аттуулар өлкөсүнөн бул жерге чечек, кызылча ооруларын ала келишет имиш. Эгерде Хара-Сарыг ханышанын уулу Ала аттуулар өлкөсүнө барбаганда бул аймакта чечек, кызылча оорулары болмок эместиги айтылат.19

Бул мифтин маалыматтары боюнча Ала аттуулар өлкөсү Чыгыш Саян менен Тофалариядан ары Байкал боюндагы талааларда жайгашкан. Жомоктогу Чечек эли жөнүндөгү маалыматтар байыркы түрк доорундагы алаттар менен байланышы бар десе болчудай. Ала аттуулар өлкөсү (кытайча: «бома», «элочжи») кыргыздардан түндүктө, Байкалга жамаатташ жерлерди байырлашкан: «Жылкыларынын баары түгөл ала, ошондон улам алар байырлаган мамлекет Ала аттуулар өлкөсү деп аталат. Цзйегүлер (кыргыздар) менен согушуп турушат. Сырткы келбети цзйегүлерге (кыргыздарга) окшош, бирок тили түшүнүксүз».20 Изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү алардын жашаган жери Ангаранын жогорку агымындагы аймактар деп көрсөтүшөт.21 Ушундан улам, дайыма коркунуч алып келип туруучу алаттар өлкөсү хакастарга бүгүнкү күнгө гипербола түрүндө келип жетти.

Чулум жана Эне-Сай дарыяларынын төмөн жактарында жашаган «сеет» деген эл жөнүндө да хакас фольклорунда айтылат. Айрым легендарлуу баатырлар, мисалы Тасха-Матыр ушул уруудан чыккан экен. Болжолу, бул ат менен хакастар кеттерди аташса керек. Уруунун (уруктун) аталышын эвенкилердеги «чангит-кет» этнониминин бир түрү катары кароого болот. Тилдин эволюциялык өнүгүшү менен ушул типтүү хакас сөздөрүндө интервокалдуу үнсүздөрдүн жана созулма үндүүлөрдүн түшүп калышы байкалат. Мисалы:«чанит» кет моол < моңгол, хоорай < хонгорай ж.б.у.с.

Кет тилинде түштүктөн учуп келүүчү канаттуулардын эзелки мекени Тома деп аталары маалым. Биз бул энчилүү аттын Саян-Алтайда кеңири тараган Тума жана Туба сыяктуу этнонимдер менен байланышы бар деп эсептейбиз. Мындан сырткары, орто кылымдар доорунда Туба дарыясынын өрөөнүндө кыргыздардын ири Туба улусу болгон. Ономастика илими кеттердин теги Түштүк Сибирдин аймагына таандыктыгын, алардын хакастардын ата-бабалары менен ар тараптуу байланыштары болгондугун тастыктайт.22

Чыгыш Саяндарда, Эне-Сайдын жогорку агымы тарабындагы бетин кызыл туз каптап жаткан аймакта «иргегит» же «иргейек» аттуу кыска бойлуу, эргэжээл эл жашаган имиш. Иргегиттердин бойлору чыканактай келип, минген аттары коёндой кичине болгон экен. Кипчоохтордун баяндагандарына караганда, алар көзгө атар мерген, мыкты жоокерлер болушуптур. Фольклордогу энчилүү аттар Чыгыш Саяндардын бугу багуучулары – иргиттер менен хакастардын алакаларын чагылдырат.

Хакас тарыхый фольклору Хакас-Минусин аймагында хуннускиф доорлорунда жашаган байыркы элдер жөнүндө да баяндайт. Мифологиялык баяндарга караганда алардын дээрлик баары адамдын аң-сезимине баш ийбеген укмуштуу күчтөрдүн таасири астында курман болушкан: кудайлардын жана колдоочу-духтардын каргышы (тумат, ах харах), адамдарга таарынган жаныбарлар (аара) дүйнөсүнүн өч алуусу, Ала аттуулар өлкөсүнөн келген «көзгө көрүнбөгөн» коноктор менен оорулар ж.б.у.с Ошондой болсо да, бизге келип жеткен кабарлар жана болмуштар байыркы уруулар менен элдердин айрым калдыктары бүгүнкү хакастардын бабаларынын курамдарына жуурулушканын чагылдырары ырас.

1.2. Кыргыздар жөнүндө дастандар

Тарыхый фольклор Хакас-Минусин ойдуңундагы орто кылымдарга таандык таш курчалып курулган көрүстөндөрдү жана жазуусу бар чулу таштарды ж.б. археологиялык эстеликтерди кыргыздар калтырган маданият экенин тастыктайт. Бир гана хакас жергесинде «хыргыс сөөктери» же «хыргыс сыыраттары» деп аталган 20дан ашуун көрүстөндөрдүн тобу бар23. Жергиликтүү калк Тагар (скиф) көрүстөндөрүнө салыштырмалуу бул эстеликтерге кадырлап мамиле жасашат. Хакастар кыргыз бейиттерине жакындаганда жүгүнүшүп, шараптан ырымдап чачып коюшат. Эгер бейиттерге жакын үй тигип жашаса кыргыздардын аркы дүйнөдөгү арбактары – «хыргыс сүнези кыжыры кайнап, ал кишилерге оору тийет, аны шамандын дубасы менен гана айыктырууга болот деп ишенишкен.24 Орто кылымдар мезгили, тагыраак айтканда, моңгол жапырыгына чейинки доор «хыргыс тузы» – «кыргыз доору» деп аталат.

Түштүк Сибирдин түрктөрүнүн байыркы легендалары менен санжыраларында кыргыздар Ортолук Эне-Сай өрөөнү гана эмес, бүткүл Саян-Алтай аймагынын эзелки, түптүү тургундары катары баяндалат. Кыргыздар СаянАлтай аймагында дарактар жер бетине али чыга элекке чейинки мезгилде эле жашап келишкен делинет.

Хакас фольклору боюнча кыргыздар өз энчилүү атын түшсү энеси болгон «Хыр хыстан» (Буурул чачтуу кыз) алышкан.25 Этнонимдин «кырк кыз» дегенден келип чыгышы жөнүндө уламыш Теңир-Тоодо сакталып калган, ал эми азыркы хакастар муну биле беришпейт. Бирок, XIII к. кытай жылнаамасы Юань-Ши жергиликтүү фольклордон Эне-Сай кыргыздары өздөрүнүн тегин «Хань (Кытай И. Б.) жеринин 40 кызы Уса жеринин (Уса дарыясынын өрөөнү – И. Б.) эркектерине турмушка чыккандан башталат» деген маалыматты жазып алган. Ошондон улам, ушул сөздүн маанисинен (кырк) өз жерин атап калышты.26 Бул сюжет эне-сайлык жана теңир тоолук кыргыздардын фольклордук традицияларынын жалпылыгын чагылдырат.

Теңир Тоо кыргыздарынын фольклордук мурасында Эне-Сай кыргыздарынын руханий байлыгынын мураскорлору болгон Саян-Алтай түрктөрүнүн маданияты менен жалпылыктар сакталып келет. В.В. Радлов мындай деп жазат. «Мен эпостордун толук үстөмдүгүн азыркы мезгилде бири-биринен өтө ыраакта жашаган түрк тектүү эки элден – Энисейдин жогорку агымындагы Абакан же Минусин татарларынан жана кара кыргыздардан гана кезиктирдим».27 Чындыгында эле, аталган элдердин оозеки поэтикалык чыгармачылыгында жалпы сюжеттүү, ары аты окшош чыгармалар бар. Маселен, кыргыз фольклорчусу Т. Абдракуновдун «Ак Мактым» уламышына жүргүзгөн изилдөөсү мазмуну, ары аталышы жагынан «Абахай-Пахта» деген хакас уламышына өтө окшош.28

Хакас тарыхый санжыралары жана уламыштары боюнча Кыргыз эли Хыргыс-хан деген мамлекетти негиздешкен; мамлекеттин башчысынын ордосу бир маалымат боюнча Эне-Сай өрөөнүндө (Ерба дарыясы, Оглахты тоосу), экинчи маалыматта, Абакан өрөөнүндө (Уй-таг тоосу) болгон экен. Кыргыздар мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен кесиптенишкен. Хакасиянын Июс өрөөнүндөгү эскиден иштетилген жерлери азыр да «хыргыс тарлаглары» кыргыз айдоолору деп аталат. Абакан өрөөнүндөгү чополуу-кумдуу жерлерде жаткан көп сандагы таш жаргылчактары эзелки кыргыздарга таандык экендиги маалым. Кыргыздар балык жешкен эмес, аны «суу хурты» (суу курту) деп аташкан. Санжыра боюнча кыргыздар балыктан жийиркенишкендиктен иче турган суу алуу үчүн атайын арык (хыргыс кообы) салышкан экен. Бул маалыматтар талаа маданиятынын калкын балык азыгы негизги тамак-аштардан болгон токой элдеринен айырмалап турат.

Кыргыздар темир кенин иштеткен металлургиялык өндүрүштү да билишкен. Бүгүнкү күндө кыргыздар темир эритүү үчүн курушкан атайын мештердин жанындагы үйүлгөн дөбө-дөбө күл жаткан жерлер «хыргыс узанган чир» – кыргыздар узанган жер деп аталат. Кыргыздар бүгүнкү хакастардан айырмаланышып, чоподон карапа идиштерди, үй турмушуна керектелүүчү буюмдарды жасай билишкен. Кыргыздар дөңгөлөктүү арабаны да пайдаланышкан. Камышта дарыясынын өрөөнүндө таш төшөлүп курулган эзелки жолдор бар, алар «хыргыс чолы» – «кыргыз жолу» деп аталаары белгилүү. Кыргыздар Азия чөлкөмүндөгү башка мамлекеттер менен кеңири соода-сатык иштерин жүргүзүшкөн. Соода-сатык мамилелеринде жез акчалар – «хыргыс ахчазы» жүгүртүлгөн. Болжолу, Абакан, Минусин, Краснояр шаарларындагы музейлердеги тыйындар кытай тыйындары болушу да ыктымал.

Фольклордук образ аркылуу кыргыздардын улуу талаа маданиятын жаратканы көз алдыбызга келет. Салтанатка кийүүчү кооз кийимдер, өзгөчө түлкү тебетейди – «түлкү пөрүктү» байыркы кыргыздардан хакастарга калган мурас катары кароо зарыл. Кыргыздар бийик ашуулардагы белдерге сыйынуучу үймө таштарды (обоо таштар) тургузушкан, учурда бул эстеликтер «хыргыс тастары» деген ат менен белгилүү.

Кыргыздар согушчан эл болушкан. Бекер жеринен хакастарда «хыргыстың хыргычы» – «кыргыз эрдиги» деген лакап сөз айтылбагандыр. Моңгол тилдүү элдерде кыргыз – харгис деген аталыш «каардуу», «жаалдуу» адамдарды туюнтары маалым.29 Саян-Алтай аймагынын токой элдери – түндүк алтайлыктар, шорлор жана чулумдар талаалык (түздүктөгү) кыргыздардын каардуу чабуулдарын эстерине сактап келишет.30

Түштүк Сибирдин элдеринин үстүнөн кыргыздардын жүргүзгөн бийлиги тууралуу далилдүү маалыматтар шаман мифологиясында да чагылдырылган. Алтайлыктардын ишеними боюнча көк теңири Үлгендин тогуз уулунун бири каардуу Кыргыз-хан экен. Ал адамдардын үстүнөн караган башкы сот болгон.31

Согуштук жүрүштөргө жана драматизмге жык толгон кыргыз доору (хыргыс тузы) Хакас-Минусин аймагынын топонимикасында кеңири чагылдырылган. Алтын-Көлдүн жанындагы Сос дарыясынын өрөөнүндө эзелки убакта согуш болуп, кырчылдашкан жер «Хыргазы» (кыргын) деген ат менен белгилүү. Өткөн бир замандарда Абакан тараптан Аны суусун кечип душман каптап кирет. Жоо Мөнөк жана Абакан дарыяларынын бириккен куймасына токтойт. Кыргыздар жоо аскерлерин Сос дарыясынын оң жээги аркылуу тосуп чыгат. Дарыянын карама-каршы жээгинде беттешишкен аскерлер жаа менен бир жума бою аткылашып согушушат. Учкан жебеден күндүн бети көрүнбөй калат. Салгылашкан жерде эки тарап тең толугу менен курман болушат. Адамдардын каны төгүлүп, өлгөн жылкылардын сөөгү жаткан жерде кызыл карагайлуу токой өсүп чыгат. Жоокерлер курман болгон жер «Хыргазы» «кыргын болгон жер» аталып калыптыр. Кыргыз жоокерлери турган жерде пайда болгон токой – «таг хыргазы», жоо аскерлери турган жер «суг хыргазы» деп аталары маалым. Ушул мезгилде ал жерден коло түймөлөрдү, кыргыз жебелерин, канжарларын таап жатышат.32

Уйбат (Сарыг чазы) жана Койбал (Хаал чазы) түздүктөрү улуу согуш талаалары катары маалым. Уйбат талаасына жакын Сагыр-Хая тоосунун этегинде «Изрек тас» – «ок атчу тешиги бар таш» деген таш тизмектери бар. Моңгол жеңип алуулары мезгилинде кыргыздар бул жерге сепил салышкан.

Уйбат талаасында кыргыз жоокерлерин моңгол аскерлери курчап алганда, алар «Изрек тас» сепилине кирип коргонушкан. Моңголдордун бир бөлүгү Уйбат дарыясы Хызыл-көл, экинчи бөлүгү Бижа дарыясы – Узун-хыр тоосу тараптан чабуул жасашат. Жоого сепилдеги кыргыз баатырлары чулу таштарды жамгырдай жаадырышат. Жоонун башына жааган чулу таштар аларды кырып, жерге сайылган абалда калат. Ушул окуялардан улам Уйбат талааларында тарыхый эстеликтер – «чаа тастар» (согуш таштары) пайда болуптур.33 Бүгүнкү археология илиминде кыргыз доорундагы таш көрүстөндөр чаа-тастар деген ат менен белгилүү.

Хакас тарыхый фольклорунда кыргыздардын Эне-Сай өрөөнүнөн Алтайдан ары түштүк тарапка ооп кетишкендиги, айрым учурда жаратылыштын кырсыгынан шейит болушкандыгы жөнүндө уламыштар бар. Айрым мифтерде кыргыздардын дүйнөлүк топон суудан жок болушкандыгы баяндалат.34

Хакас фольклорунун эзелки сюжеттеринде кыргыздардын жер которушу аба-ырайы, жер шарттарынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болгондугу айтылат. Байыркы малчылар бычан даярдашчу эмес, анткени, Хакасияда кыш карсыз боло турган. Бирок, бир жылдары кыш катуу болуп, кар жаап, мал ачкадан кырыла баштаганда кыргыздар жылуу аймакка журт которууга аргасыз болушат. Башка бир версия боюнча Ортолук Эне-Сай өрөөнүндө жай айлары көп жылга созулган кургакчылык болот. Чөптөр куурап, эгиндер күйүп, сугат каналдары соолуп калыптыр. Ошондо кыргыздар жашоого жакшы жай издешип, азыркы Монголия тарапка көчүп барышат. Алар жашап өткөн жерлерде сугат арыктары калган.35

Шор менен чулумдардын уламыштарында кыргыздар байырлаган аймактар эзелки замандарда жайык талаа болуп, анда кыргыз жылкычылары жашашканы эскерилет. Жерден дарак өсүп чыга баштаганда, кыргыздар бул кубулушту шайтандын мүйүзү, боло турган кырсыктын белгиси катары түшүнүшүп, түштүк тарапка журт которуп кетишет. Алардын көчө албай калган бир аз бөлүгү бүгүнкү хакастардын бабалары болуп калышыптыр. Азыр да Шорияда түн ичинде кыргыз жылкыларынын кишенегендери угулуп турат делинген «Хыргыс кодрези – кыргыз сазы деген жер бар.36 Кыргыздардын Саян-Алтайдан ары көчүшү тууралуу уламыштар Кыргыз улуу мамлекети (IX–XI кк.) мезгилин, алардын Борбордук Азиянын зор бөлүгүн басып алып, Теңир-Тоого журт которуусун чагылдырышы ыктымал.

Хакастардын алда канча кийинки доорлордогу санжыраларында кыргыздар жана алардын мамлекетинин кулашы моңгол жеңип алууларына байланыштырылат. Алар негизинен бир сюжеттүү санжыралар. Кыргыздардын күчкубаттуу падышасы көзү өткөндөн соң, башчысыз калган журтка моңгол ханы кол салып, элди туткундап, Алтай тарапка сүрөт. Сүргүндөгү кыргыздар моңгол ханына кул-күң абалында калышкан экен. Алардын айрымдары бөтөн жердеги эзүүгө чыдай албай өз мекенине кайрылып келишет.37 Булар XIII–XIV кк. таандык уламыштар жана алар Кыргыз мамлекетинин моңголдордун соккусунан улам кулагандыгын баяндайт.

Моңгол жапырыгы доорунда Сахсаар деген тоодо кыргыздарды жетектеген жети баатыр кыз жашаптыр. Күндөрдүн биринде күтүлбөгөн жерден моңголдор Абакан өрөөнүнө кол салышып, элди Саяндан ары сүрөт экен. Жети баатыр кыз кууган жоодон качып кутулушуп, Аскиз өрөөнүндөгү бир үңкүргө жашынышат. Ошондон улам кыздар жашынган тоо «Чип хыс» (жети кыз) деп аталып калган. Моңгол атчандары экинчи ирет кол салышканда жети кыз Ак Июс дарыясынын жогорку агымы тарапка ооп кетишет. Алар оболу Пуял (Туял) тоосунун жанындагы Хыстуриге (Кыздар жери) жайлашып, андан Итчул дарыясына чукул жерге конушташат. Бул жер да «Чип хыс» деп аталып калат. Кыздардын сары изине чөп салган моңгол атчандары бул жерге кууп келишет. Ошондо кыздар ар тарапка кетүү жөнүндө чечим кабыл алышат. Бири Июс талаасына, экинчиси Туба өрөөнүнө, үчүнчүсү Эне-Сай тарапка… тарашат. Жети тарапка кеткен кыздар кийин ташка (иней тас) айланып калышкан экен.

Кыздардын эң кенжеси Сахсаар тоосунда жайгашкан ата-журту Хыргыстар деген айылына кайтып келет имиш. Бул кыз да Ниня деген жердеги бийиктикте «иней таска» айланып калат. Ушул жерде жашаган «хыргыс» уруусунун өкүлдөрү ага түпкү энеси катары сыйынышып, жылына курмандык чалып, түлөө өткөрүшөрү белгилүү.38

Хакасия Орусиянын курамына каратылгандан соң, кыргыздар качин, сагай, кызылдарга жуурулушуп, тарамдалган «хыргыс» уруктарын түзүштү: ах хыргыс, хара хыргыс, көк хыргыс – Көк Теңирдин кыргызы, хашха хыргыс – тектүү, ак сөөк кыргыз ж.б.у.с

Качиндердеги «хыргыс» уругунун түпкү бабасы Сеерен уламыш боюнча Туим дарыясынын өрөөнүндө жашаган экен. Анын тогуз уулу болуптур: Арыштай, Айош, Поджандай, Нонахтай, Паадай ж.б. Бүгүнкү күндө бул бабалардан Арыштаевдердин, Айошиндердин, Бөжөндеев жана Нонахтаевдердин тукумдары тарашкан. Санжырачы А. Арыштаевдин (1894-ж. туулган) эсеби боюнча түпкү бабасы Арыштайдан жети муун, 175 жыл өтүптүр. Тактаганда, бул мезгил 1710–1720-жж. туура келет.

Сагайлардын курамындагы «хыргыс сөөгү (уругу) чыгыш теги боюнча орто кылымдардагы Хакасиянын башкаруучусу болгон Хыргыс-ханга байланыштырган маалыматтар бар. Орусия менен болгон согушта жеңилип калган кыргыздар Алтайдын сыртына журт которуп кетүүгө мажбур болушкан. Хыргыс-хандын байбичеси Марачылыг тоосундагы үңкүргө жашынып, Чабындай жана Чабажах деген эгиз уулун багып чоңойтот. Чабындайдан Хыжынай туулуп, андан Кыжинаевдердин тукуму келип чыккан. Санжырачы Манит Хыжинаеванын (1900-ж. туулган) болжолу боюнча Чабындайдан Манитке чейин жети муун, б.а. 175 жыл өткөн.39

Жыйынтыктаганда, кыргыздар (хыргыс) Ортолук Эне-Сай өрөөнүндө эл болуп калыптанган, Түштүк Сибирдин эзелки маданияттуу элдеринен болгон. Саян-Алтай элдеринде Тува, Алтай, Шория, Чулум бою, Байкал бою сыяктуу аймактар кирген эзелки Кыргыз мамлекетинин чектери, атагы алыска угулган кыргыз доору жөнүндө эскерүүлөр сакталып келет. Кыргыз маданиятынын түздөн-түз тийгизген таасиринин астында Саян-Алтайдын алыскы чектерине чейин түрк тили жайылып, диний ишенимдери, каада-салттары калыптанган.

Таш эстеликтерге сыйынуу, тоолордогу ашуулардын белдеринде үйүлгөн дөбө таштар («обоо») пайда боло баштаган эле. Минусин ойдуңунан Борбордук Азияга кыргыздар аргасыз журт которушканда алардын ата мекенинде курман болгон башкаруучунун Чабындай жана Чабыжах деген эки уулу калып калат. Дал ошол тарыхый инсандар аркылуу азыркы хакастардын ичинде кыргыз шамы өчпөй, жанып турат.

1.3. Хонгорай өлкөсүнүн кара чач, кара көз эли

Хакас тарыхый фольклорунун материалдарында Ортолук Эне-Сай аймагынын жергиликтүү калкы Орусиянын курамына каратыла элекке чейин «хоорай», (хоор, хоори, хооро, Хоорый) деген ат менен белгилүү болушкан. Хакас-Минусин аймагынын калкы XV–XVIII кк. жазма булактарда «Хонгорай» (Конгурай, Конгарай, Хонгор) энчилүү атынын созулма түрү менен маалым болгон.40

Хакастардын эзелки бир уламыштарында Июс өрөөнүн өткөн бир доорлордо оболу тогуз бир тууган кыргыздар мекендешкендиги баяндалат. Арадан бир топ убакыт өткөндө алардын тукумдары 9 миң адамдан турган хоорай элинин кыргыз союзун (Хыргыстын тогыс мун хоорай чоны) негиздешкен экен. Хоорай уруулук биримдигинин башында ордосу Сортан-Көлгө жакын жердеги Солбан-Таг тоосунун этек-белинде жайгашкан Хоранг-бег турган. Хоранг-бег теги «хыргыс» уругунан эле, андыктан ушул учурда да, Солбан-Таг тоосунун этегиндеги эзелки көрүстөндөр «хыргыс сөөктери» кыргыз көрүстөндөрү деп аталат.

Хоорай уруулук бирикмеси жашап турган мезгилде кошуна өлкөлөр менен өңчөй жаа менен атышкан согуштар (ух-саадах тузы) болуп турчу.

Баскынчыларга каршы күрөшүү жана кароол коюу үчүн хонгорлор Эне-Сай, Июс жана Абакан өрөөндөрүндөгү бийиктиктерге таш сепилдерди – «авеелерди» салышкан. Алар Июс дарыясынын жанындагы Пулан-Асчан (Сохатин), Хызыл-Хая, Сивее-Таг тоолоруна коргонуучу жайларды негиздешкен эле.

Хоорай биримдиги Ойрот мамлекетинин кызыкчылыгына караган аймакка киргендиктен, жыл сайын салык төлөп турушчу. Хоранг-бег алымды төлөөдөн көпчүлүк мезгилде баш тартып койчу экен. Хоранг-бегдин мындай жоругуна ачууланган Контайша Хоорайды жазалоо үчүн үч миң аскер жиберет. Ошондо ойроттор хонгорлорду туткундап айдап кетишкен болот.

Июс өрөөнүнүн калкын ойроттор сүргөн кезде Хорангбегдин Чоон-Мойын жана Ниске-Мойын деген эки уулу тайгада аң уулап жүрүшкөн экен. Мергенчиликтен кайра келишкенде Солбан-Тагдын этегинен өлүм алдында жаткан жалгыз кемпирден башка эч кимди таппай калышат. Ал болуп өткөн окуяны толугу менен айтып бериптир. Бир туугандар ойрот аскерлери айдап бараткан элди Төртөбө тоосуна жамаатташ жайгашкан Аскиз өрөөнүндө кууп жетишет. Аларды ойроттордун артынан мал айдаган кыргыз абышка көрүп калып чочуп кетет. «Аппой, менин чүрпөлөрүм, ойроттордун күчүнө тең келе албайсыңар, түнү элден обочо жерге от жагамын, ошол жерге келгиле!» – дейт. Түнү Аскиз өрөөнү Жагылган оттордон жарык боло түштү, анткени ар бир үй-бүлө өздөрүнө тамак даярдап жатышкан эле. Чоон-Мойын жана Ниске-Мойын абышкага келишкенде, ал балдарга бир үйүр жылкы, малдын жарымын берип, «Хоранг-бег көчтүн алдында, сакчылардын кайтаруусунда кетип бара жатат, аны бошотуп алуу мүмкүн эмес, силер ата-журтка кайткыла! Солбан-тагдын этегине Хорангбег атаңар алтын-күмүштөрүн көмүп койгон, ошону таап алсаңар байып, тукум улайсыңар! – деп кеңеш берип узатып коюптур. Кийин алар орус мамлекетинин карамагына өтүшөт. Чоон-Мойын орус кызына үйлөнүп, Ужурдагы Кулун деген жерде жашап калат. Чоон-Мойындан кийин кара көздүү Марьясовдор тарашат. Ниске-Мойын сүргүндөн жашынып аман калган хонгорайлык кыз менен баш кошуп, Чулдагы айылында жашап калат. Андан «хыргыс» уругуна киришкен. Саламачевдердин тукуму тарайт.

Ойроттор Хонгорайдын элин Алтай тарапка, Абакандын сырт жактары аркылуу сүргөн. Жолдо абышкалар жаш балдарга ата журтка кайра кайтчу жолду көрсөтүп жүрүп олтурушат. «Бул тоолорду унутпагыла! Мезгил келгенде силер өз журтубуз Хоорайга кайта келгиле! Биздин Хоорай жетимсиребесин! Биздин Хоорай (Кыргыз) тукумубуз үзүлбөсүн!» – деп айтышкан экен. Сүрүлгөн элди ойроттор Алтайдан ары Дэрбэт (Төрбөт) жерине жайгаштырышкан. Кары-картаңдардын көпчүлүгү сүргүндүн азап-тозогун көтөрө алышпай жолдо каза табышат. Айрым жаш хонгорлор туткундан качып, ата журтуна кайрылып келишет. Качкындар Июс, Томь, Абакан дарыяларынын жогорку агымдарындагы үңкүрлөргө жашынышып күн өткөрүшөт. Эгинди тегирмени жок ташка жанчып жешкен экен. Тоолы-Хоорайдын элинин аман калган бөлүгү ата журтта өз жашоосун улантышат.41

Абакан өрөөнүндө Хооранг-бегдин атын Көбержин-хыс деген кызынын тагдыры аркылуу көп эскеришет. Хонгорайдын башкаруучусу Хоранг-бегдин карылыгына байланыштуу Ойрот хандыгына салыкты өз убагында алып бара албай калганда, Контайша аскерлери менен Абакан өрөөнүнүн калкын туткундап, сүрүп айдайт. Кары-картаң, алсыз адамдар журтта калып, ачкадан өлүшөт. Хандын карыган байбичеси да журтта жалгыз калат. Хооран-бегдин жалгыз кызы Көбержинди да кошо айдап кетишет. Жунгар туткунунда Көбержин-хысты кул-күңдөр менен катар кой багууга, мал короолорун тазалоо иштерине мажбурлашкан. Мындай кордукка чыдабаган Көбержин ыңгайлуу учур келгенде күңү менен бирге ата журтуна качат. Жол катары Көбержин-хыс өтө көп азап-тозокторду тартыптыр. Көбержин-хыска кайрат айткан күңү (сумекчин) өткөн таттуу турмуш менен катаал чындыкты салыштырып ырдайт экен:

«Көбержин-хыс, сен жоргону мингениңде, Айтчу элең, басат экен катуу деп. Ушул кезде жөө-жалаңдап калганыңда, Кандай сездиң өзүңдү, хандын кызы?

Жибек көйнөк тандап, кийип жүргөнүңдө,

Айтчу элең, бычым-тигими начар деп, Азыр сен самтыраган киймиң менен Кандай сездиң өзүңдү, хандын кызы?

Ак нанды жеп турганыңда.

Айтчу элең анын даамы жок деп, Азыр сен чөп-тамырын жегениңде, Кандай сездиң өзүңдү, хандын кызы? Эгерде кайраттансак, алга умтулуп, Жетебиз биз мекенибиз Абаканга.

Эгерде күч-кубат, кайратыбыз түгөнсө,

Жем болуп каларбыз бөрүлөргө!»

Тагдырдын жазмышы экен, алар кайгы-капалуу маанайда ата журтка жөө жүрүп олтурушат. Көптөгөн азаптозоктор менен Алтай тоолору аркылуу Абакан өрөөнүнө келип жетишет. Ушул учурда Көбержин-хыстын энеси өз коломтосунда ойлуу олтурган экен. Капысынан күйүп жаткан отундун бир чычаласы сорок этип тура калат. Бул өтө кадырлуу меймандын келишин туюнткан белги эле. Көбержин-хыстын энеси: «Туткундагы жалгыз кызым кайдан келмек эле деп, чычаланы суусу бар тепшиге таштап салат. Ушул мезгилде Көбержин-хыс анчалык терең эмес кечүүдөн өтүп жаткан экен, Энеси чычаланы сууга салып, өчүрүп жатканда, кызы ташка тайгаланып, сууга түшүп, чөгүп өлөт. Көбержин-хыстын күңү аманэсен калып, Хоранг-бегдин айылына жетет. Андан соң, Көбержин-хыстын энесине жолугуп, болгон окуяны толук айтып берген экен.

Азыр да очокто күйүп жаткан чычала «хоначы», б.а. конок тура калса, аны кайрадан узатасынан жаткырып, очоктогу оттун күлү менен көмүп, «тамактандыруу» керек деген ишеним бар. Мындай учурда келчү коноктор үйгө аман-эсен жетип келишет имиш.42

Очоктогу чычаланын же чайдын чамесинин калкып чыгып туруп калышы өңдүү белгилерге ишенүү салты теңир-тоолук кыргыздарда да сакталып калган. Мындай ишенимдердин башаты Кыргыз мамлекетинин мезгилинен эле белгилүү болуусу ыктымал.

Фольклордун башка маалыматтары боюнча хоорай эли ата журтун түндүктөгү кошунасы (Орусия) менен болгон согуштан соң калтырып кетүүгө аргасыз болгон. Хара-Махачы башкарган орус аскерлери Тоолы-Хоорайдагы Кыргыз уруулук бирикмесинин жерине кол салгандан тартып улуу согуштардын («хыргыс чаазы» же «хоорай чазы») доору башталган43. Орус мамлекетинин кысымы астында хоорай эли түштүк тарапка, Урюп дарыясынын өрөөнүнө чегинүүгө аргасыз болушат. Азыр да бул дарыянын оң куймасы «хыргыс чул» – кыргыз суулары (өзөндөрү) деп аталып, Хоорайдагы кыргыз уруулук бирикмесинин өткөндөгү чек арасын аныктайт. Тегир-Көлдүн жанындагы ашуу «Хыргыс тли» Кыргыз Бели деп аталат. Бул жерде Хоорайдын кыргыз кошууну менен Хара-Махачтын аскерлеринин ортосунда чоң салгылашуу болуп өткөн.

Бул согушта көп жоготууларга учураган Хоорай эли (кыргыздар) Тегир-Көл тарапка журт которууга аргасыз болушкандыгы баяндалат.

Казак-орустардын куугунтук-кысымынан улам Хоорай эли бул жерди да журт кыла алган жок. Хонгорлор Тазалов көлүнүн (Юзен-Көл) жанындагы ашуу менен Сарой түздүгүнө көчүп өтүшүп, Хан-Көлдөн алыс эмес жерге токтошот. Көлдүн алды жагы түздүк келип, карама-каршысында бийик аска-тоолор бар экен. Тоолы-Хоорайдын жоокерлери бала-бакыралары менен аялдарын Сахсар тоосунун сыртына жөнөтүшүп, өздөрү жоонун алдын тороп жатышат. Бир нече күндөн кийин чалгынчылар келе жаткан жоону байкап калып, кабар беришет. Душман колу чукул келип калганда жоокерлер капыстан кол салып, жоону талкалап салышат. Бул кыргында көптөгөн азаматтар каза табышат, бул көлдүн Хан-Көл (Кандуу-Көл) деп аталып калышынын себеби ушунда делинет.

Хоорай эли Кара жана Ак Июс дарыяларынын ортолугун байыр алышты. Арга тоо кыркаларынын бийик чокуларына коргонуу сепилдерин – «Сивеелерди» куруп, кароолдорду коюшат. Чалан-чул дарыясына чукул жерге жоокерлер узундугу беш чакырым келген терең аңдарды казышат. Бул аңды (Чалан-чул авеези) бир эле түндө казып, даярдап бүтүшкөн экен. Ушул эле жерде кыргыз аскер башчыларынын ордосу жайгашкандыгы айтылат. Арадан бир аз күндөр өткөндө Хара-Махачыдан элчилер келип, Орусияга баш ийип берүүлөрүн сунуш этет. Эл көз каранды болуудан баш тартышат. Жоопту уккандан соң, Хара-Махачтын аскерлери Кара Июс дарыясына жакындап келишет. Тоолы-Хоорайдын эр жүрөк жоокерлери жоону тоолордон жебелерди жамгырдай жаадырып тосуп алышат. Бул салгылашууда эки тарап тең чоң жоготууларга учураган экен. Курман болгон хонгорлук жоокерлердин сөөктөрү Остыг-хыр тоосунун этегине коюлат. Ал бейиттер азыр да «хыргыс сөөктери кыргыз көрүстөндөрү деп аталат.

Ушул окуялардан соң, хоорай эли Алтайдын ары тарабына, Кыргыз жерине (Теңир-Тоо) журт которууну чечишет экен. Хонгорлуктар алтын-күмүш идиш-аяк ж.б.у.с. үй буюмдарын жасоо боюнча даңкталышкан.

Журт которуунун алдында алар өз байлыгын «Хоорай кош азии» деген ашууга жакын жердеги Сарыг-хай тоосунун этегине көмүп кетишет экен. Уламыштарда хоорай элинин байлыгы Июс жеринин алдында катылып жатканы жөнүндө баяндалат.

Хоорай эли Ак Июс дарыясын тогуз күн, тогуз түн кечип өтүшөт. Бул жер азыр да Хорай кичии Хоорай кечүүсү деп аталып келери маалым. Ушул кечүүдөн алыс эмес жерде ата мекенинен ажырап, кайгы-муңга батып, шейит болгон Хозанах-хыстын бейити бар. Анын бейити Хозанах-хыс деп аталган ырым-жырым өткөрүлүүчү жердеги орто кылымдардагы кыргыз жоокерлеринин көрүстөнүндө орун алган. Хакас малчылары бул ыйык Хозанах-хыска сыйынышып, ага жыл сайын курмандык чалышары маалым.

Хоорай эли түштүккө, Кузнецк Ала-Тоосу аркылуу кетишкен. Көч мезгилинде эки эркек балалуу аял (Сыгда жана Сыбы) тайгада жашынышып калып калышат. Алар Улень дарыясынын жогорку агымында узак убакыт бою жашашып, кийин Июс түздүгүнө келип туруп калышат. Хонгорлор кетишкенден соң, Июс жана Абакан өрөөндөрүндө айрым уруктар менен уруулардын өкүлдөрү калышкан экен (шуштар, кызыл, ажыг), алардан кийин хакас эли куралат.44

Хакас фольклорунун маалыматтары боюнча «Хоорай» деген энчилүү ат эң оболу өзүнүн кошууну менен Саян аркылуу ашып, Маткечиктин жанындагы Хызыл-Хая тоосундагы сепилди кыштоо катары тандап алган моңгол ханынын оозунан чыккан экен. Хан кошууну менен тынч кыштап чыгат. Бул ырыстуу жерге суктанган моңгол ханы: «Хоорай түмөнү түбөлүк жашасын, хоорай элинин малы сансыз көп болсун!» – деп алкаган экен. Ошол мезгилден Хакас-Минусин жери Хоорай деп аталып калыптыр.45 Ушундан улам Хоорай (Хонгорай) деген энчилүү ат моңгол доорунда (XIII–XIV кк.) келип чыккан деген тыянакка келүүгө болот. Моңголия, андан соң Жунгария Хонгорайдын саясий жана маданий турмушунун соңку өнүгүүсүнө өз таасирлерин тийгизишти. Хакастарда Сибирь деген ат белгисиз, бирок, Борбордук Азия (Моол, Ойрат, Төрбет) аларга жакшы маалым. Уламыштар боюнча жер ортолугундагы, же жер киндигиндеги («чир юш чис обаа») турган эбегейсиз коло мамы Дэрбэтияда (ТүндүкБатыш Моңголия) жайгашкан. Элдик билимдер чындыкка жакын, анткени, Азиянын географиялык борбору кошуна Тувада жайгашкан эмеспи.

Фольклордук чыгармаларда Ортолук Эне-Сай өрөөнүнүн орто кылымдардагы тургундары Хоорай этноними менен катар, кыргыздар (хыргыстар) деп аталышкан. Сыгда жана Сыбы деген уламыштагы баатырлар Өжен-бег деген кыргыз ханынын, айрым учурларда Хоорай элинин уулдары катары баяндалат. Хонгорлор менен кыргыздарды жалпы негизде кароо бул элдин Кыргыз мамлекетинин (VI–XIII кк.) жана анын ордун ээлеген Хонгорай этносаясий бирикмесинин (XIV–XVIII кк.) мураскорлору катары кароого болот.46 Фольклордук чыгармаларда «хоорай» этнонимине бирдей аныктоолор жок. Алардын басымдуу бөлүгүндө хонгорлорду бүгүнкү хакастардан айырмалашып, орто кылымдардагы эне-сайлык кыргыздар менен этникалык жалпылык бар деп айтылат. Айрымдарында «хоорай» хакас элинин байыркы энчилүү аты катарында баяндалат. Маселен, Чалбарт деген мифологиялык шаман жашаган доордо сагай шамандары «хоорай камы» деп аталган.47

Хакас уламыштарында «хоорай» – этноним маанисинде да, этникалык ата журт деген түшүнүк катарында да айтылат. Хонгорлордо ыйык ата журту (арыг чурт) жөнүндөгү жүрөктү толкундата турган сезимдер сакталып келет. Күч менен бөтөн жерге сүрүлгөн мезгилдерде да, анын уулдары ар түркүн жолдор, амалдар менен өз жерине, өлөң төшөгүнө кайтып келишкен. Алар Абакан өрөөнүндө тарыхый, маданий салттарды кайрадан жаратышкан. Аларга Кузнецк токойлорунан кайткан элдер да кошулушкан.48 Ортолук Эне-Сай Орусияга каратылгандан кийин «Хонгорай» деген ат тарыхый аренада угулбай калган. Анын ордуна жергиликтүү элди «тадар» – татарлар деген ат менен атап калышкан. Этнонимдер, болжолу, Хырчагас Асочаков деген бектин тушунда (XIX к. 40-ж.) Сагай думасынын борбору Аскиз айылына көчүрүлгөндөн соң алмашылса керек.49 Н. Ф. Катановдун этнографиялык маалыматтары баяндагандай, XIX к. орто чендеринде «абакан-татар» эли «тадар-улус» деген атка ээ болгон.50

Хакас фольклорундагы маалыматтарга караганда «тадар» этноними соңку мезгилдерде калыптангандыгы байкалат. Бул этноним орто кылымдарда жаралган баатырдык эпостордо да, шаман ырларында да, тарыхый дастандарда да кездешпейт. Таанымал фольклорчу С.С.Суразаковдун пикиринче саян-алтай эпостору моңгол доорунда калыптанган.51 Ушундан улам, хакас баатырдык эпосу моңгол баскынчыларына каршы Толай Хоорай бирикмеси пайда болгон мезгилде жаралган десе болчудай. «Толай» термини (толы, тори) жөнөкөй, карапайым элди эмес, контекстке караганда уруулар менен уруктардын биримдигин аныктаган. Хонгорай – кыргыздардын элитардуу топтору башкарган уруулар бирикмеси экени шексиз. Ошондуктан фольклордогу: «Хыргыстын тогус мун толай Хоорай чоны… – хоорай элин бириктирген тогуз миң кыргыз союзу деп жөн жерден айтылбагандыр.

Хакастардагы – «тогыс пулунныг толы хоорай» (тогуз булуңдуу Хоорай өлкөсү) деген салтанаттуу айтылчу сүйлөм алтайлыктардын: «Тогуз булуңдуу Кан Алтай» деген сүйлөмү менен толук Дал келет.52 Алтайлыктардын баатырдык эпосунда «Алтай» деген сөз адамдар байырлаган ойкумендерди жана тарыхый мекенди туюнтат. Ушундай эле ой хакас жана аларга теги жакын шорлор Аун дастандарында да чагылышып турат, атап айтсак, «Төрт толук тоола Хоорайда» (Төрт булуңдуу Хоорай өлкөсү) мекен жөнүндөгү асыл ой-сезимдер баяндалат.53

Хакас фольклорунда Ортолук Эне-Сайда (Ал Ким) жер жүзүнүн борбору жайгашкан, ал эми калган элдер бул борбордун айланасында жайгашышкан деген этноцентризм идеясы жашап келет.54 Кеңири Хонгорайды «Улениг сын» – Теңир тоо деп аталган тоо кыркалары курчап турат. Көз жоосун алган Хонгорайдын алдыңкы этегин Абакан дарыясы соолубас суулары менен чулгап турса, анын арткы тоолуу-талаа жайыктарын түбөлүктүү Эне-Сай кесип өтөт.55

Хонгор баатырлары ак жүздүү, кара чачтуу, нур көздүү, келишимдүү болушкан экен. Хакастар өзүлөрүн хонгорлордун түздөн-түз тукумдары экендигин белгилешип, күнү бүгүнгө чейин өз тукумдарын «хара пастар» – кара баштар деп айтып жүрүшөт. Сары чачтуу адамдарды душмандар дүйнөсүнүн калкы катары кабыл алышчу. Ошондуктан, фольклордо жез кемпирдин («хуу хат») – (куураган, куу кемпир) сары чачтуу, көзү коргошун түстүү келген, шиш мурун, көөдөнү зор персонаждын образы пайда болгон.

Хонгорайдын тарыхын моңгол-жунгар баскынчылары менен болгон согуштук кагылышууларсыз элестетүү кыйын. Көз каранды эместик, ата мекен үчүн болгон күрөш аскер искусствосун өнүктүргөн. Хонгор жоокерлери согуш мезгилинде тулку боюн моюндан тизеге чейин тосчу соотторду кийип жүрүшчү. Коргонуучу баш кийим катары төбөсү шоңшогой «тулага» туулга кызмат кылган. Баатырлардын кыя чапчу куралы болот кылыч (час молат хылыс), сайчу куралы – найза (чыда) боло турган. Аргымак минген кыргыз өкүмдары Көтен-хан найза менен жоосу Ах-Көбөктү ээрден кулаткан. Мындай беттешүүлөрдө тажрыйбалуу жоокерлер найзаны ээрге такап, мингич тулпардын күчү менен жоонун кийген соотун тешип өткүрө сайышчу. Хонгор (кыргыз) жоокеринин аралыктан атчу негизги куралы жаа (чаачах, ухчаа) болгон, ошондон улам орто кылымдар фольклордо «ух-саадах тузы; ухча тузы» (жаа согушунун доору) деп аталат. Жаа атайын жасалган кутуга (саадах) – саадакка салынып, далыга асылчу; жебе салынган окчонтой (хурлух) белге байланчу. Жаа менен согушуунун куралы жалпысынан «ух-саадах» деп аталган. Фольклордук материалдар бизге жаа атуунун ыкмасы жөнүндө баалуу маалыматтарды берет. Маселен: «Оң тизесин бүгүп, сол тизеси менен жер таянып, саадакты колго алды, окчонтойдон жебелерди сууруп чыкты, аны (жебени) жаага салып, жипти күч менен аягына чейин тартып туруп коё берди».56 Аскер жүрүштөрүнүн мезгилинде хонгор (кыргыз) атчан жоокерлери саадактарын ээрдин алдыңкы капталына, кесип-чапчуу куралдарын ээрдин арткы капталына байлап жүрүшкөн. Аскер асабалары («туг») символ катары эсептелип, анын алдында аскердик-көчмөн коомдун духтары колдоочулары турат деген ишеним болгон. Хонгорайдын атактуу жоокерлери согуштун колдоочу ээси Кинендин урматына курмандыктарды чалышчу.

1704–1727-жж. Хакас-Минусин аймагын Орусияга каратуу аяктагандан соң, «тынчы жок жердин» эли өзүнүн табиятынан согушчан мүнөзүнөн ажырай баштаган эле. Хонгорлордун «хуух» деген аскердик урааны уламыш боюнча карганын каркылдаганын билгизген. Бул ишеним боюнча карганын этти көргөндө каркылдаганы, өлгөн жоонун сөөгүн билдирет имиш. Мындай аскердик ураандар якуттарда да болгондугу маалым. Алар «беттешүүнүн алдында каргача каркылдашып, карышкырларча улушкан».57 Бүгүнкү күндө бул согуш ураандары унутулуп, уламыштарда гана сакталып келет.

Орус документтеринде эне-сайлык кыргыздар деп аталган хоорай (хонгор) этносунун кыйрашынын себептери бул аймактын калкынын 1703-ж. күч менен Жунгарияга сүрүлүшү, ал эми алардын жерин Орусиянын каратып алышы менен байланышкан.58 Хонгорай жериндеги катылган алтындар хакастардын жана орус келгиндеринин бир канча муундарынын тынчын алып келет. 1760-ж. Д.Васильев аттуу орус дыйканы Онло тоосунун жанынан алтын издеп, бир нече жерди казат экен. «Анын айтканы боюнча, качин Самар Аршанов кытай бийлигине караган моңголдорго атайын тапшырма менен барып, мурда Алтын-хан Июс өрөөнүн бийлеп туруп, кийин ал жактан жер ооп качардын алдында байлыгы менен кымбат баалуу буюмдарын Онло тоосуна жакын жердеги, эч ким билбеген, унутулган бир үңкүргө катып кеткен деген уламыш угуптур».59

Хакас тарыхый фольклорунда Ортолук Эне-Сайдагы жергиликтүү калктын келип чыгышы боюнча айрым жүйөлүү маалыматтар бар. Хакас элинин чыгыш тегинин башаты уламыштагы тогуз бир тууган кыргыздарга байланышкан Толы-Хоорай этносаясий бирикмеси менен жалпылыкта каралат. Моңгол бийлигинин тушунда Хоңгорайдын эли өз алдынча түмөн болуп, тогуз миң жоокер (тогыс мун толы Хоорай) чыгара алганга күчү жеткен. Гүлдөп-өнүгүп, учугу узарып жаткан хоорай эли күч менен сүрүлгөн. Бирок, хакастар байыркы бабалары катып кеткен алтындар алиге дейре ушул жерде катылып жатканына ишенишет. Мифопоэтикалык аң-сезимде «Хоорай» сөзү хакастардын байыркы этникалык мекени катары кабыл алынат.

1.4. Санжыралар жана уламыштар

Хакастардын курамына бир нече уруулук топтор: качиндер, сагайлар, белтирлер, койбалдар, бирюсиндер, шорлор, кызылдар, мелеттер кирет. Алар өз кезегинде майда уруктарга (сөөктөргө) тарамдалып бөлүнүшөт. Фолыслор боюнча бул уруулар бир тууган ага-инилерден тарашат. Айрым бир уламышта алар Күчүм хандын бийлигине баш ийишип, Чулум жана Эне-Сайдын өрөөндөрүнө Эртиштен же Чаны көлү тараптан журт которуп келишкен; ал эми айрым уламыштарда булардын жергиликтүү калк экендиги айтылат.60 Кызылдардын «Тадар чоны» (хакас эли) деген уламышында Июс талаасындагы фольклордук каарман Хоранг-бег жөнүндө баяндалат. Анын Тубулах, Сагаях, Думзух, Хызылах, Мелет деген беш уулунан койбал (хакасча «туба» деп аталат), сагайлар, шорлор, (хакасча «тумзух» аталышы Том суг, б.а. Томь дарыясынын атынан келип чыккан), кызылдар жана мелеттер тарашат.

Кайсыл уруулук топко, же белгилүү бир сөөккө таандык экендиги аталык жол менен аныкталган. Хакас уруулары башка түрк-моңгол элдери сыяктуу эле өздөрүнүн түпкү ата тегин бир атадан (өбеке) таратышат. Көпчүлүк уруктар Хакасия Орусияга каратыла электен алда канча мурда пайда болгон. Булар кандаш туугандардын уругу катары белгилүү. Бирок, алардын айрымдары эзелки бир тарыхый муундардын калдыктары болуп саналат. XVIII к. экинчи жарымынан тартып, салык төлөөчүлөрдүн санын аныктап, тактоо максатында фамилиялар киргизилген. XIX к. фамилиялар (үй-бүлөлүк топтор) хакастардагы урук-уруу (сөөк) аталыштарын сүрүп чыгарган. Профессор В. Я. Бутанаевдин тактоосунда хакастарда XVIII к. биринчи жарымы ченде жашаган бабаларынын ысымдары боюнча аталган 1360 түрдүү фамилиялар сакталып келет.61 Качин этникалык тобу өздөрүн «хааш» же «хаас» деп аташат. Алар Красноярга жакын аймактагы Хум-Тигей тоосу турган жердеги Кача дарыясын өздөрүнүн түпкү ата журту катары эсептешет.62 Тескерисинче дарыяны орустар ошол жерди мекендеген качиндердин атынан атаган. Жергиликтүү элдин тилинде дарыя Ызыр-суг Езер суусу деп аталчу.63 Эне-Сай кыргыздары Жунгарияга сүрүлгөндө качиндер Минусин ойдуңуна көчүп келишип, эзелки уруулардын калгандары менен жуурулушуп кетишкен.64 Кызыл жана сагайлар качиндерди Түндүк-Батыш Монголиянын Дэрбэт деген жеринен келген деп билишет. Айрым уламыштар моңгол ханы өз кызын кыргыз беги Өжен-бегке күйөөгө бергенде качиндерди энчи катары бергендигин баяндайт.65 Бул маалымат XVIII к. экинчи жарымында ойроттордун бир бөлүгүнүн Хакасияга журт которгондугун чагылдырары шексиз.

Качиндердин ичиндеги эң чоң урук «хашха» же «хасха» болгон. «Хааш» деген уруктун аталышы «хасха» сөзүнүн өзгөрүп айтылган түрү болуусу ыктымал. Бул пикирди өз убагында Г. Ф. Миллер да айткан.66 «Хасха» этнониминин келип чыгышын уламыштар кашка ат (хасха позырах ат) менен байланыштырат. Шаман тарабынан дубаланган ал кашка ат хасха уруусунун жылкы үйүрлөрүнүн колдоочусу болгон имиш.

Хасха уруусунун теги жергиликтүү этносаясий бирикмеси – Хонгорай менен байланышкан. Бул пикирге шор фольклорунда баяндалган «хашхаларды» Хыргыс-Хоорай, б.а. Хакасия өлкөсүнөн келген душмандар деген уламыш менен катар коюуга болот.67 Хакас уруктары экзогамдуу болушкан; бир уруктун ичинде кыз алып, кыз берүүгө тыюу салынган. Чулум өрөөнүндөгү хасха уругунан Поражак деген кыз менен Харатай деген жигит жөнүндөгү кайгылуу уламыш белгилүү. Урук ичиндеги жыйын Поражак менен Харатайдын үйлөнүүсүнө тыюу салышканда, сүйүшкөн жаштар качып чыгышат. Урукташтары кууп жетишип, аларды мыкаачылык менен өлтүрүшөт. Алардын сөөгү жаткан жер «Мун чатхан таг» (муңдуу тоо), ал эми жандап аккан суу Поражак кыздын наамына Баражул деп аталып калыптыр.68

Абакан дарыясынын куймасы ченде паратан деген урук жашаган. Уламыштар боюнча бул уруктун түпкү атасы бала чагында кайык менен Абакандын жогорку агымынан сүзүп келген. Баланы «хасха» уругунун өкүлдөрү тарбиялап өстүрүптүр.69 Паратаңдар «ойрот» уругу сыяктуу эле XVIII к. хакастардын курамына кирген жунгарлардын айрым бөлүктөрү болуусу ыктымал.

Саян-Алтайдын түрк-моңгол элдеринде (хакас, алтайлыктар, телеуттар, урянхайлар, хотон, торгоут, дэрбэт) кеңири таралган «бурут» (пүрүт) уругунун өкүлдөрүнүн теги ушул аймактын эзелки элине барып такалат. Хакас фольклору бурут уругунун түпкү мекени Бурятия, экинчи маалымат боюнча, Дэрбэтия (Түндүк Батыш Моңголия) экенин баяндайт.

Бурут уругунун түпкү бабасы Ир-Тохчын өз уулуна бурут ханынын (Пүрүт ханы) кызын алып берүүнү чечет. Кара далы болуп калган хан кызы ак кирген чачын үч тал кылып (сүрмес) өрүп алыптыр. Кудалашуудан соң, бурут ханы өз кызын толгон-токой себи менен Ир-Тохчынга кошуп берет экен. Алар Саяндарды (Ах Марчыл) ашып, Июс талаасына келип түшүшөт. Июс сууларынын айрылышындагы Үттиг-хая тоосунун этегине конуп калышат. Кыз түш көрүптүр. Түшүндө ата журтунун колдоочу-духу коен кебин кийип алып кыздын артынан келе жаткан болот. Эртең менен ооруп калган кыз өзүн ээрчип келген бурут духтарын кайтып кетүүгө мажбурлоо үчүн Ир-Тохчындан курмандык чалып, түлөө өткөрүүнү суранат. Бул сүйлөшүүдөн соң, ачууланган Ир-Тохчын:

«Уу-татай! Мен келиндүү болуп кетип баратамын деп ойлосом, шаман турбайбы!» – деп кыйкырып жиберет. Бул сөздү уккан бурут ханзаада кыздын ээси ооп жыгылып, балбал ташка айланып калыптыр. Бул таш бүгүнкү күндө «Хозан-хыс» (коён кыз) деп аталат. Анын жаны ак коёнго айланып, каргыш айткан бойдон Үттиг-хая тоосун үч тегеренип, көздөн кайым болот. Ушундан соң, Ир-Тохчындын элине жугуштуу ооруу тарайт. Ир-Тохчын шамандарга жардам сурап кайрылганда, алар: «Урукту аман алып калуу үчүн ар бир боз үйгө коёнго окшош куурчак коюш керек, ал эми бурут ханынын кызы минип келген агыш жалдуу кула атты урукту коргоочу – «ызых» катары сактоо керек», – деп айтышат. Ушул окуядан соң Ир-Тохчындын уруусу Бурут (Пүрүт) деп аталып калыптыр. Буруттар үч жылда бир ирет «Хозан-хыс» балбалына төмөндөгүдөй сөздөрдү айтып, түлөө өткөрүшкөн: «Сен атак-даңктуу буруттардан чыктың эле, ак коёнго айланып калдың!»70 Буруттардын уруулук колдоочу тумары «хозан төс», төрт түлүктүн сактоочусу – «ызых» ак жалдуу кула ат болуп калат.

Өткөн замандарда буруттар «хасха» уруусу менен бирдикте моңгол ханына салык төлөшчү экен. Бир жолу алар киш аң терилерин Моңголияга алып бара жатышып, түн киргенде Кызыл асканын алдына түнөп калышат. Буруттар эртеси таң калуу менен кызыл жошо бойолгон асканы көрүшөт. Алар моңгол ханынын алдына жээрде ат минишкен хасхалардан айырмаланып туруу үчүн минген ак жалдуу кула аттарын жошо менен боёп коюшуптур. Хасхалардын өкүлдөрү аларды күтпөй жол тартып кетишет. Арадан убакыт өтпөй буруттар өз ийгилигине кубанышып, жолго чыгышат. Моңгол ханынын өргөөсүнүн алдына келгенде жамгыр жаап кирет. Аттардын боёктору жамгырдын суусунан эрип кетип, элчилер сүрдүү хандын алдында жүдөгөн, кир абалында туруп калышат. Салыкты кабыл алгандан соң, моңгол ханы кечигип келген буруттарга: «Мага баш ийген элдердин ичинен силер ишенимсиз, калпычы болуп чыктыңар. Хасхалардын жээрде жылкыларынын түсүн туурап, минген аттарыңарды кызыл түскө боёдуңар. Силердин кошумча лакап атыңар «малчан хасха» (түлөгөн хасхалар) болсун!» – деп айтыптыр. Моңгол ханы өзүнүн үстүндөгү тигиши алтын чепкенин хасхалардын жетекчисине жаап, ыраазы болгон сөзү менен: «Мындан кийин сенин уругуң Хонгорайдагы журтту башкарат! Сенин уругуң кашкасы бар жээрде ат минген «кашка» (хасха позырах аттыг хасха) болсун!» – деген экен. Ошондон улам буруттарда «мачан хасха» (түлөгөн хасхалар) деген лакап ат пайда болот.71 Бул маалыматтан моңгол жеңип алуусуна чейин бийлик тизгини буруттардын колунда болгондугун байкоого болот.72 Болжолу, буруттар теги жагынан кыргыздарга жакын болуу керек. Этноним моңгол тилинде «дини буруу, жалкоо» деген сөздү да түшүндүрөт.

Хакас фольклору буруттардын түпкү бабасы деп Абакан өрөөнүндөгү Ызых-таг тоосунда жашаган Ир-Тохчынды атайт. Ошол эле мезгилде Хакасиянын түндүгүндөгү Июс талааларында бийлик жүргүзгөн ала түстүү ат минген атактуу Паян-хыс аттуу баатыр кыз жашаптыр. Өз жерин, элин коргоо үчүн Паян-хыс моңголдорго каршы жүрүш уюштурат. Кырчылдашкан беттешүүдө чарчап чаалыккан Паян-хыс Сон дарыясынын боюнда салкын таза абага магдырап уйкуга кетет. Ир-Тохчын уйкудагы сулууну сүйүп калат. Алардан бала туулуп, андан тукум улап, кийинки «соххы» уругу тарайт.73 Г. Ф. Миллер качиндердеги «соххы» уругун Татышевдер тукумунун курамына кирген ариндер менен жалпылыкта карайт. Болжолу, «соххы» уругу арин-бурут тегинен чыгат.

Бул уруктун өкүлдөрүнүн көпчүлүк бөлүгү Июс талаасын байырлашкан.

Соххы уругунун ичинде «сартах» деген тукум бар. Уламыштар сартах тукумун хакастар бир куржун курутка сатып алган татар кыздан тарашарын баяндайт.74 Сарт (сартак, сартагул) түрк-моңгол элдеринде Түркстандын соода менен кесиптенген адамдарын туюнтат.

Июс жана Эне-Сай дарыяларынын ортосундагы талаада качиндердин «ызыр» уругунун өкүлдөрү жашачу. Хакас тарыхый фольклорунда «ызыр» качиндердин («хааш») жалпы аты катары да баяндалат.75 Фольклордун маалыматтары Г. Ф. Миллердин жазгандары менен дал келет. Ал: «Татарлар «качиндер» деген сөздү которгондо «ызыркичи» деп аташат» деп жазган.76

Качиндердин хасха, бурут, хыргыс жана ызыр уруктарынын ичинде талчан, тайчан деген топтор болгон. Хакас уламыштары боюнча, талчан (тайчан) уругу Кача дарыясынын жанындагы Хум-Тигей тоосуна көчүп келген хасха уругунун түпкү энеси Талчан Иней жана анын жети уулунан тарашат делинет.77 Изилдөөчү Е. К. Яковлевдин жазганына караганда, Тадзян ариндерди Кача дарыясынан Хакас аймагына көчүрүп келген атактуу баатыр болгон.78 Бул фактыны Таштандиновдордун тукуму жөнүндөгү билдирүү бекемдейт. Алар бирде ариндердин курамында, бирде «талчан-хасхалар» менен бирге эскерилет. Фольклордук маалыматтар «талчандардын» теги ариндер болгонун, качиндердин курамында ариндик компонент калың катмарды түзөрүн болжолдоого негиз берет.

Качиндер манжур сүргүнүнөн аман калган кыргызезерлер, Красноярскиден ооп келген качиндер (хааш), ариндер (аара) жана жунгар качкындарынан (ойрот) куралган. Бул административдик бирдикте езерлердин саны басымдуу болсо керек, кийин XVIII к. аягында да качиндерди кыргыздар деп аташканы маалым.79

Эне-Сай менен Абакандын оң жээктериндеги жайыктарда байырлаган койбалдар (туба), Хакас-Минусин ойдуңунун эң эле эзелки тургундары катары маалым. Хакастардын башка этникалык топторунан айырмаланып, койбалдарда түпкү теги жөнүндө санжыра жана уламыштар сакталып калбаган. Изилдөөчүлөр койбалдарды Кыргыз жеринин Туба улусунун эзелки тургундарынын урпактары экендигин белгилешет. Хакасия Орусиянын курамына киргенден кийин бир бөлүгү (туба уругу) качиндердин курамына кирген.

Хакастардын ичинде койбал менен туба уруктарынын өкүлдөрүнө карата какшыктап-мазактоо ырларын айтышкан: «Туба, туба, тубачах, тумзугычах-харачах, чеен азы тоочах, юскен киби хырначах». «Туба, туба, тубалар, кара мурундар, жегендери кожогат, тери кийим кийгендер». Мындай какшык сөздөр алтайлыктар Түндүк Алтайдын тубаларына карата да айтышкан.80 Фольклордун сюжеттериндеги мындай параллелдер тубалардын койбалдар менен байланышын аныктаарын изилдөөчүлөр белгилешкен.

Койбал, качин, сагай жана кызылдардын курамында «чода» уругу бар. В. В. Радлов тарабынан жазылган тарыхый уламыштардын маалыматтары боюнча «чода» уругу 1703-ж. манжур сүргүнүндө аман калган кыргыздардын бир бөлүгү экендиги баяндалат.81 Чода (чооду, чогду, юты, зод) этноними алтайлыктарда, телеут, тува, тофалар, дэрбэт жана Саян-Алтайдын башка элдеринде кеңири тараган. Ал Түштүк Сибирь этносторунун субстраты болгон эзелки уруулардын бирине кирери маалым.

«Чода» сөзү орус тилине «шыйрак» деп которулат, хакас уламыштарына караганда, бул уруктун өкүлдөрүнүн шыйрактары узун болгон экен. Аңчылардын тилинде «чода» сөзү тайгадагы хакасты да билдирет.82 Болжолу, этноним Саян-Алтайдын түнт токойлуу жерлеринин жашоочуларына байланыштуу болсо керек, анткени бул этноним тофалар менен тожу-тувалардын курамында көп учурайт.

Сагайлар хакастардын курамындагы эң ири уруу болуп саналары шексиз. Н. Ф. Катановдун фольклордук маалыматтарга таянган пикирине ылайык сагай уруусу «кара хыргыс (кыргыз – И. Б.) деген түрк элинин калдыгы болушкан, алар казак-орустар тарабынан Абакан өрөөнүнөн сүрүлүп чыгарылып, учурда Түндүк-Батыш Кытайдын тоолуу аймактарын жердешет».83 Сакталып калган жаңы уламыштар сагайлардын жана алардын уруктарынын тегинин Хонгорай менен байланышын чагымырып турат. Сагай (сагаит) этноними Кыргыз жергесинде жазма булактарда XIII к. бери эскерилет. XVIII–XIX кк. биригүүнүн натыйжасында Сагай жеринин гана эмес, Белтир, Бирюсин, Верхотом жерлеринин калкы да сагайлар деп атала баштаган.

Сагайлардагы «чип пүүр» (жети бөрү) этноними тотемдик жаныбардын таасири астында келип чыккан болсо керек. Эзелки бир мезгилде кош бойлуу бир аял согуштук кагылышуулардан Ниня дарыясына чукул жердеги үңкүргө, карышкырлар үйүрү турган жерге жашынат. Төрөт учурунда аял каза таап, баласын алты бөлтүрүгү бар эне-карышкыр эмизип чоңойтот. Бөрүнү эмип чоңойгон баладан «чип пүүр» – жети бөрү уруусу тарайт.

Дүнүйөнү топон суу каптаганда чип пүүр уругунун бабалары Хоорабас тоосунун чокусуна көмүлгөн дешет. Ошол мезгилден Хоорабас жети бөрү уруусунун сыйынган тоосу болуп келет. Бул уруунун келиндери тоону тергеп «Улуг тасхыл» (Улуу Тоо) деп аташат. Жети бөрү уруусунун өкүлдөрү жыл сайын Хоорбаска курмандык чалышкан.84

Чип пүүр (чидибер, чедигер, жедигер) этнониминин аталыштарынын Түндүк Алтай түрктөрү менен бүгүнкү кыргыздардын арасында кеңири кездешиши хакастардын алар менен этногенетикалык байланыштарын аныктайт. Эне-карышкыр тарабынан эмизилген бала жөнүндөгү фольклордук сюжет байыркы түрктөрдүн чыгармачылыгына таандык жана Түрк каганатынын түрктөрүнүн келип чыгышы менен да байланыштуу.

Сагайлардагы «сарыглар» уруусу Хонгорайдын байыркы тургундары болушат. Моңгол хандары менен болгон кандуу кармашууларда сарыглар кыргыздар менен бирге катуу жеңилүүгө учурашат. Аман калгандары Саяндан ары Монголияга айдалып, сүрүлүшөт. Натыйжада, Хонгорай элсиз ээн калат.

Сарыглар уруусунан эки адам, жашы өткөн аксакал жана анын жаш келини аман калат. Көптү көргөн кыраакы абышка келинине: «Биздин жерде тукумубузду улай турган киши калбады. Менин сөзүм далилдүү болушу үчүн Сарыг тагды (Сары тоо) айланып карап көрөлү» – дейт. Алар ыйык тоону айлана карашып, эч кимди таба алышпайт. Кайнатадан качуунун байыркы салтынан баш тартышып: «Биздин сарыглар уруусунун тукуму улансын», – деп айтышып, баш кошушат. Алардан Кингес деген уул туулат. Кингес жана анын уулу Ожагас сарыглар уруусунун улантуучулары болуп калышат.85 «Сарыглар» этноними алардын эзелки ак түстүү антропологиялык типке кирерин тастыктап тургансыйт.

Уламышта сагайлардын «ичегелер» (ичеги) уругу Хонгорайда «бүткүл дүйнөлүк топон суу» мезгилинен бери жашап келе жатканы айтылат. Жети бир тууган жез кайык менен топон суудан аман калышып, суунун деңгээли төмөндөгөндө Сахчах тоосунун чокусуна токтошот. Сахчахта азыркы күндө да таш болуп катып калган кайык бар имиш, анын жез мыктары менен чылым чеккен ханжаларын тазалашчу экен. Бул уруктун өкүлдөрү тоону ыйык деп эсептешкен, ал эми аялдар «Улуг таг» же «Улуг абам» (Улуу абам) деп тергешкен.

Кайыкта аман калган жети бир тууган Сахчах тоосунан төмөн түшүшүп, Аскиз жана Бий сууларын бойлоп отурукташышат. Алардын эжеси тувалыкка турмушка чыгат (айрым варианттарында бир туугандар жети жылга Тувага кетишип, ошол жерде булардын эжеси турмушка чыгыптыр). Үч жыл өткөндөн соң ал күйөөсү менен энчиленген себин алып кеткени келет. Ичеге уругунун өкүлдөрү жети кара союшуп, мыктылап коноктоп тосуп алышат. Эжеси Тувага кайта кетерде бир туугандары бир торбодон гүлазык беришет. Жолоочулар салт атчан Саянды көздөй жөнөшөт. Күүгүм киргенде алар тайгага алачык жасап, эс алууга токтошот. Гүлазык салынган түйүнчөктөрдү ачканда малга берилчү жемди көрөт. Ач көз жеңелери түйүндөргө союлган жети каранын жети кулач болгон ичегисин салып коюшуптур. Бир туугандарына ыза болгон эжеси ичегилерди алачыкты жети айлантып курчап байлап чыгып, дуба окуп, каргыш айтыптыр: «Силердин мекениңер Бий дарыясы болуп калсын! Силердин өмүрүңөр кыска болсун! Малыңар аз болсун! Силердин уругуңар чубалжыган ичеги уругу деген атка консун! Силердин турмушуңар ичегиден да ичке болсун!» Ошол мезгилден бери тарта көптөгөн муундар өтүптүр. Бул уруктан узак жашагандар, белгилүү инсандар чыкпаптыр.86

«Ичеге» этноними б.з. VIII к. Тувадагы байыркы түрк жазма эстеликтеринде эскерилген «чик» эли менен үндөшүп турат. Фольклордук маалыматтар сагайлардын «ичеге» уругу менен байыркы түрк доорундагы чиктердин байланышын чагылдырышы толук ыктымал.

Абакандын оң жээгинен Арбат жана Табатка чейинки жерлер XVIII к. чейин белтир (пилтир) уруусуна таандык болгон. Өткөн замандарда Хонгорайдын башында ХанСурте деген хан турган экен. Моңголдор менен болгон согушта жергиликтүү калк баскынчылардын колунда калат. Жаштарды моңгол аскерлеринин катарына алышып, кары-картаң, бала-бакыраларды Арбатты, Аны дарыяларын жээктетип, Хара-Моол (Кара Моңголия) өлкөсүнө сүрүп айдашат.

Хан-Суртенин Хан-Сулу (Хан-Чуле) аттуу уулу моңгол аскерине чакырылат. Ал өз айланасына жакын адамдарды топтоп, Хонгорайды көздөй качкан экен. Матур дарыясына жетип, Хан-Сулу Хооргыс тоосунун этегин мекендеп калат. Матур тайгасында Хан-Сулу өзү менен кайтып келгендерди жетектеп калыптыр. Алар кийин «хара моол пилтир!» – (кара моңгол аргындары) деп аталышат, анткени көпчүлүгү моңголдор менен жуурулушуп кетишкен экен. Арадан убакыт өткөндөн соң качкындар белтир же «аргындар», Хан-Сулу болсо Пилтир-Адас (белтирлердин аксакалы) деген ат менен белгилүү болушат. Хооргыс тоосу белтирлер сыйынып, түлөө өткөрчү жай болуп калган. Белтирлердин жайыты Матур дарыясынын өрөөнү, аң улай турган коругу Хан Тегир дарыясынын өрөөнү эле.

Хан-Сулунун Хан-Онбиях, Писпиях жана Хосхар аттуу үч уулу болуптур. Анын балдары тайгадан түздүккө көчүп келишип, Таштып дарыясынын жээктерин мекендешет. Жыл сайын салык жыйноого ойроттор менен моңголдор келе баштайт. Моңгол жоокерлери жаз мезгилинде ЭнеСайдын музунун үстү менен келишчү. Жай айларында салык жыйноочулар Хонгорайда болушуп, июль айында кайра кетишчү. Салык элди бүлгүнгө учуратып, чарбанын өнүгүшүнө кедергиси тийген.

Онбиях орус букаралыгына өтүүнү чечет. Ал өзүнүн бир тууганы Писпиях менен ошол мезгилде Саян-Алтайды мекендеген жолборсту атып алыптыр, анын терисин Кузнецкидеги орус воеводасы Турус-бегке белек катары тартуулашат. Бирок белтирлердин Орусияга кошулуш маселеси анын небереси Миянгастын тушунда гана биротоло ишке ашкан. Ак падыша Миянгасты белтирлерге башчы катары дайындап (40 түтүн салык төлөөчү) жана ага князь (кнес) деген наам ыйгарган. Орус бийлигиң таануунун урматына Миянгас өрүлгөн узун чачын (кичеге) кесип салган экен. Ошондуктан ал эл арасында Тас Миянгас (Таз Миянгас) деген атка конуптур.

Ак падыша Миянгаска княздык бийликтин төмөнкү белгилерин ыйгарат баш ийбегендерди жазалоо үчүн камчы (тохпах хамчы), душманын кыйратуу үчүн кылыч (хылыс), салык жыйнагандарга белтирлер кубаттуу Орус мамлекетинин букарасы дегенди көрсөтүү үчүн туу (туг) берет.

Миянгастын тушунда Саян-Алтайды Орусия (Орыс хан), Жунгария (Ойрот хан) жана Кытай (Хыдат хан) тарабынан үчкө бөлүнөт. Хонгорайдын чек арасы Саян аркылуу өтүп, Ыргах-Таргах тоосунан Хан-Сын тоолоруна чейин созулган. Хан-Тегир дарыясынын куймасындагы белтирлер кароол кызматын аткара башташат. Алым төлөөчү 15 белтир чет өлкөдө, Туванын аймагында калат. Миянгас алар үчүн орус чиновниги менен урушуп, Кузнецк токоюна жашынууга аргасыз болгон.

Миянгастын үч уулу болгон. Улуу аялынан төрөлгөн Чагбандай деген уулунан Чебодаевдердин тукуму тараган. Экинчи аялынан Ултурух менен Патажах, алардан Ултургашев менен Патачаковдордун тукумдарынын бабалары туулат экен.87

Белтирлер өткөн тарыхый санжыраларын жакшы билишет жана 15–18 муунга чейин айтып бере алышат. Орус жазма булактарында Кыргыз жериндеги Белтир аймагы 1635-жылдан бери белгилүү.88 Хакасиянын Орусияга кошулуп жаткан мезгилинде, 1727-ж. Кяхта келишимин түзүү учурунда белтирлердин башчысы (башлык) Миягаш Моголаков, б.а. Миянгас, Моолахтын уулу, Онбияхтын небереси катышкан. Чек ара сакчыларына туу берүү салтанаты 1728-ж. болуп өткөн эле.89 Чек арадагы жергиликтүү элге бийликтин жогорудагыдай атрибуттарын ыйгаруу түрк башкаруучулары тарабынан кеңири колдонулган, кийин бул салт орус администрациясы тарабынан кабыл алынган. Селжук султаны Кай-Кубада III Осмонго (1258–1324-жж.) лен жана княздык наам, ардак белгилерин: кылыч, асаба, түпөк ыйгарган экен.90

Белтирлердин башында Онбиях турган мезгилде, кошуна Туваны Алтын-Куренг-хан сурап турчу экен. Өзү менен бирге улуу аялынан төрөлгөн эки уулу жашачу. Экинчи аялы өгөй балдарын жактырбаганын жашырчу эмес. Бир жолу ал балдарга кара кийизден кошуп чүчбара (мирек) жасап берет.

Алтын-Куренг-хан балдарынын өңүнөн байкап калат да, ачууланып аялын камчы менен сабап коёт. Бул жаңжалдан коркуп калган балдар Саян токоюна кире качышыптыр. Ушул мезгилде Онбиях, Писпиях жана Хосхар Хан-Тегир өрөөнүндө аң уулап жүрүшкөн экен. Азык-түлүктү атайын жасалган жерге катышчу. Алар талкан жана кургатылган эттин улам азайып баратканын жана айланадагы кардан жаш балдардын изин көрүп калышат. Писпиях аңдып олтуруп, тамак уурдаганга келген балдарды кармап алат. Алар Алтын-Куренг-хандын балдары болуп чыгат. Балдар өгөй энесинин айынан качып жүргөндүгүн, ачарчылык аларды уурулук жасаганга мажбурлаганын айтып беришет.

Онбиях, Писпиях жана Хосхар балдарды өстүрүп-чоңойтушуп, Арбат өрөөнүнө жайгаштырышат экен. Алар «хахпына» (хапхына, хахпын) уругу деп аталат. Хахпына уругу Ызых-тагдын этегин мекендеп, ал тоо кийинки муундар үчүн сыйынуучу ыйык тоого айланып калган. Алардын бири Хыстаяхган таг хахпыназы (таг хахпыназы) уругу тарайт. Хыстаяхтан Чаныстай, андан Нюкпей деген уулдар төрөлөт. Нюкпейден (катчынын жаңылыш жазганынан улам) Тюкпеевдердин тукуму куралат. Экинчи бала Астаях деген ысым алып, дарыя хахпыназы (суг хахпыназы) деген урукка таандык болуптур. Астаях Таштып дарыянын өрөөнүнө көчүп түшүп, Бутрахта деген жерди байырлап жашап калат. Астаяхтан Чандай, Чандайдан – Манас, Манастан – Кендүк, андан Муклай жана Чебочак деген эки уул туулат. Чебочактан Чобачаковдордун, Муклайдан – Калчан, андан Калченаевдердин тукуму тарайт.91

Фольклордун маалыматтары боюнча «хахпына» уругун XIII к. Эне-Сайдын башы ченин байырлаган Капканас элинин аталышы менен жакын кароого негиз бар.92 Алар Хакасияга Тувада Алтын хандар бийлик жүргүзгөн мезгилде көчүп келиши толук мүмкүн.

Белтирлердеги «чыстар» уругу (түндүк токойлуктар) байыркы замандарда Абакан суусунун жогорку агымын жана Түндүк Алтайды байырлаган. Ал мезгилде чыстарды Турабий аксакал башкарыптыр. Аларга моңголдор кол салганда Турабий Азылбай, Тохтабий, Тотанмай деген уулдары менен Абаканды көздөй көчөт.

Матур дарыясынын куймасынан чыстарды белтирлердин уруу башчылары Хан-Онбиях, Писпиях жана Хосхар тосуп чыгат. Алар жакын жерде адамдар бар экендигин сууда агып келе жаткан жыгачтын чамындыларынан байкап калышат. Писпиях сүзүп келе жаткан чыстарлардын кайыктарын токтотуп, аларды Хан-Онбиях белтирлерге кошуп, Сос дарыясынын куймасы чендеги жайыкка олтургузат. Тохтобайдан Тохтобиндердин тукуму тарайт. Тохтобий тогуз уул, Пай-Арыг аттуу кыздуу болгон экен. Асылбайдан Аяжак төрөлүп, Асочаковдордун тукумуна негиз салат. Аяжактын Иптыш аттуу бир уулунан Иптышевдердин тукуму тарайт, ал эми Тотанмай болсо жалгыз Соланмай деген уулду өстүрүп чоңойтуптур.

Балдардын оюну учурунда Тохтобийдин тогуз уулу Тотанмайдын жалгыз уулун сабап коюшуптур. Ызасы келген Соланмай атасына болгон окуяны айтып коёт. Чырдашуу учурунда Тотанмай Тохтобийдин эки уулун капыстан өлтүрүп салат. Тохтобий шор шаманын (чыс хам) чакырып алып, дубалап олтуруп, Тотанмайдын түбүнө жетет. Ал эми Соланмай атасы өлгөндөн соң, Таштып өрөөнүндөгү Сос дарыясына жакын жерге көчүп барат. Солонмайдан Чылчыгаш туулуп, кийинки Чылчыгашевдердин тукумуна негиз салат.93

Чыстар өздөрүн «чыштар» деп атаган Түндүк Алтайдын тубаларына жакын болуу керек. Алар Абакан өрөөнүнө Хакасия Орусияга каратыла элекке чейин эле келиши ыктымал, анткени XVII к. Алтыр улусунун Чыстар аймагы белгилүү болгон.94

Тохтабийдин жалгыз кызы Пай-Арыг сулуу болуп жетилет. Мындан сырткары, ал жакшы ырдап, чатханда мыкты ойночу экен. Абакан өрөөнүндө ырдоо жагынан ага эч ким тең келбептир. Пайарыг сулуу бүткүл Хонгорайга ыр менен айтышууда жеңип чыккан азаматка, анын майыптыгына карабай турмушка чыгарын жар салат.

Томь дарыясынын жогору жагындагы Кузнецк токоюнда көмөкөй ыры боюнча (хая) учурунда алдына ат салдырбаган Арыхпай аттуу сокур абышка жашаптыр. Жарыяны укканда абышка беттешүүгө алып барууну сураныптыр. Пай-Арыг ага төмөнкү шарттарды койот: эгер Арыхпай жеңсе, ага турмушка чыгамын, эгерде жеңилип калса ал мага кул болот дейт. Алар жети күн, жети түн айтышат. Акырында Пай-Арыг жеңилип калат экен. Арыхпай боздоп ыйлаган сулууну Кузнецк токоюна алып кетет. Алсыраган сокур абышка менен жашоо абдан кыйынга турат. Пай-Арыг бул азапты көтөрө албай Арыхпай абышканы шар аккан Томь дарыясына түртүп жиберип, ал чөгүп өлөт. Бул кылмыш Кузнецк воеводасы Албот-бегке белгилүү болуп калат.

Соттун чечими менен Пай-Арыг түрмөгө камалат. Түрмөнүн башчысы Сенявин деген неме сулуу кызды жактырып, ойнош күтүп алат. Пай-Арыг Сенявинден эки бала төрөйт. Ата журтка кайтуу мезгили келип жеткен учурда ал балдарды таштап, Абакан өрөөнүнө кетип калат (Айрым маалыматтар боюнча сокур хайжиден бойго бүтүп, токойго качып кетип, уул төрөп, андан Мойногашевдердин тукуму уланат).

Кузнецкиде калган жаш балдар кийин белтирлерден Сос дарыясынын куймасында жашаган Тохтобий деген таятасы бар экендигин угушат. Алар тайганы аралап өтүшөт. Балдар Кузнецк Ала-Тоосу аркылуу Харлыган тоосуна жетишкенде, бири биринен адашып кетишиптир. Улуу агасы Ниня өрөөнүнө келет. Ага Сенявин деген фамилия ыйгарышып, кийинчерээк алар Орешковдор деген фамилияга которулуп алышат. Кичүү иниси Аскиз өрөөнүнө келип, «том» уруусунун асыранды баласы болуп калат экен. Анын Киргинек (асыранды, тонсуз уул) деген атынан Киргинековдордун тукуму тарайт.95

Жазуу булактары боюнча XVIII к. баш чендеринде Кузнецк чебин воевода Б. Сенявин жетектеген. Аскер жүрүштөрүнүн мезгилинде Б. Сенявин баштаган казакорустардын 1704–1706-жж. жүрүштөрүндө хакас калкынын бир бөлүгү туткундалып, Кузнецкиде кулдукка сатылган.96 Болжолу, Б. Сенявиндин колуна Тохтобийдин кызы жана анын балдары ошол кезде түшүшү мүмкүн.

Белтирлердеги «кижин» уругу XVII к. Мрассу дарыясынын жогорку агымын байырлашкан Кечин волостундагы калктын урпактарына таандык экендиги шексиз. Хакас санжыралары боюнча кижиндер Асылбай дегендин жалгыз кызынан (айрым маалыматтарда Онбияхтын небереси Моолахтын кызы) тарашат. Аны Кузнецкилик жигиттер уурдап (айрым бир вариантта Тувага турмушка чыккан) кетишкен.

Асылбайдын кызы Мрассу дарыясынын жогорку агымында эки жылдан ашык туруп калат. Боюнда бар экенин байкашып, аны кайтарбай калышат. Жолго азык камдап, туткундан үйүн көздөй качып чыгат. Матур өрөөнүндөгү Балыкташ дарыясына келгенде толгоосу башталат экен. Азылбайдын кызы уул төрөп, аны жалбыракка ороп, четин дарагына илип туруп: «Эгер сенин бактың болсо өлбөй жигит болуп чоңоёрсуң» деп айтыптыр. Атасынын үйүнө араң жеткен кызы башынан өткөргөн окуяны баяндап берет. Азылбай абышка (Тохтабий, Моолах) окуяны угуп, атын токуп баланы издеп жөнөйт. Балыкташка жеткенде четинде илинип турган баланы, анын жанында жүргөн бүркүттү көрөт. Даракка көтөрүлүп чыккан абышка наристенин тирүү, дени соо экендигине, бүркүттүн ага тамак берип, аны багып жатканын көрүп таң калат. Небересине «Пүрүстөй» (жалбырактуу) деген ысым берет, ал эми андан тараган урук «кижин» (бүркүт) аталып калыптыр. Пүрүстөй ата-теги жагынан дух-колдоочусу бүркүт болгон шаман уругунан чыккан. Пүрүстөй жана анын уулу ХамПадас атактуу шамандар болуп калышкан. Хам-Падастан Агытай жана Токоях деген балдар туулуп, Агитаевдер менен Токояковдордун тукумуна негиз салышкан. Ошондон улам кижиндердин урук дарагы четин, сыйынган тоосу Балыкташ болуп эсептелет.97

Кижин уругунун бабасы Пүрүстөй Кузнецк Ала-Тоосун байырлаган бирюсиндер (пүрүс) менен байланышы болуусу мүмкүн. Бирюсиндердин курамына каргин (карга), кивин (хобый), кий (хый), кызылгай (хызыл хая), изушер (таяс), карачер (сор) уруктары кирет.98 Алардын ичинен көп сандуусу каргин, хакасча «харга» уругу болгон. «Харга» этноними уруктун тоосу Хара таг деген аттан улам келип чыккан. Каргиндер Азас дарыясынын куймасына жакын жердеги Мрассу өрөөнүндө жайгашкан. Алар бул тоону Улуг таг деп атап келишет.

Топон суу каптаган мезгилде (поом чыл) Хара таг тоосунда абышка-кемпир эки уулу менен аман калышат. Алардан кийинки «харга» уругу тарап, ал тоонун чокусунда каргиндердин бабаларынын таш болуп калган бешиги бар имиш. Ата-энесинин көзү өткөндөн кийин эки бир тууган тайгадан Абакан түздүгүнө келишет. Алардын бири дарыяга жакын отурукташып, суу перисине үйлөнөт, тукумдары «суг харгазы» деп аталып калыптыр. Экинчиси тоо таянып кетет. Ал тоо ээсинин кызына Үйлөнүп, тукумдары «таг харгазы» деп аталып калыптыр. Кийинкилерден Пуригес аттуу бала төрөлөт. Андан Устух, Устухтан үч уул: Амзор, Чыпчыгаш, Кызлас туулат. Булардан Амзораковдор, Чепчигашев жана Кызласовдордун тукуму тарайт.99

Есь дарыясынын өрөөнүн «сайын» уругу байырлап келген. Бир маалыматтар сайындар Кузнецк токоюндагы Ортон дарыясы жактан келгени, экинчи бир уламышта алардын ата журту Таштыптагы Талбырт тоосундагы Хола Кирис мергенчи туулган үңкүр экендиги баяндалат.

Сайындардын аң уулай турган жерлери Саян жергесиндеги Сабына-Тасхыл тоосунда жайгашыптыр. Хола-Кирис тувалык тутунган бир тууганы менен жыл сайын аң тери үчүн мергенчилик кылчу экен. Арадан убакыт өткөндө экөөнүн аялы тең кош бойлуу болуп калышат. Алар кеңешишип, бел куда болууну чечишиптир. Аңчылыктан келишкенде Хола-Кирис уулдуу, тувалык мергенчи кыздуу болгонун угушат.

Хола-Киристин уулу эр жеткенде аны атасы колуктусун алып келүү үчүн Тувага жөнөтөт. Ал жолго чыгарда уулуна Сабына-Тасхыл тоосунун жанына түнөбөшүн катуу эскертет. Жолго чыккан күйөө бала айтылган тоого жеткенде түн кирип калат экен. Атасынын айткан акылын эстеген баласы, алачык жасап, от жагат, анын жанына дөңгөч коюп, тонун жаап, четте жашынып калат. Арадан көп убакыт өтпөй капысынан бир коркунучтуу нерсе пайда болуп, тон жабылган дөңгөчкө кол салат. Хола-Киристин уулу жаанын огу менен коркунучтуу жаныбарды атып жыгат. Эртең менен буюмдарын жыйнап, Саян аркылуу Сарыг-Соянда (Сары Тувада) күгүп жатышкан болочок кайын журтуна келет. Каада-салттар аткарылгандан соң, себин алып, эки жаш жолго чыгышат. Хола-Киристин уулу келинчеги менен бирге түн кирген мезгилде Сабына-Тасхыл тоосуна келип калышканын байкабай калышат. Алачык жасап, от жагып жатканда аялын таба албай калат. ХолаКиристин уулу тайга ичин аралап издеп жөнөп алыстан күйгөн оттун жарыгын көрүп калат. Бул тоо ээлеринин үңкүрдө салынган чоң сарайы (чир тунугЦ эле. Төрдө олтурган кемпир: «Менин эки уулум Хола-Киристин уулунун алачыгына барышканда итинен ажырап келишти» деп сүйлөгөнүн угуп калат да, жашынып күтүп калат. Арадан көп убакыт өтпөй кобур-собур үндөр чыгып, кап көтөргөн эки караан көрүнөт. Хола-Киристин уулу бир ок менен экөөнү тең атып жыгат экен. Алар көтөргөн каптан коркуп калган аялы чыга келет. Жерге жарык кире баштаган мезгилде жүктөрүн жыйнашып, Абаканды көздөй козголушат. Саян кызынын (Тува) төркүнүнүн аталышынан улам Хола-Киристин тукумдары «сайын» деп аталып калышкан.100

Сайындар хакастарда теги көк теңирге таандык уруу катары кадырланган. Бабасы Хола Кирис жаанын огу менен Көк Теңир чагылган менен өлтүрө албай койгон желмогузду (айна) атып түшүргөн экен. Эгер адамдар чагылган тийип сынган дарактын бутактарын ыйык катары көрүп колуна алса, салт боюнча: «Мен сайындардын тайакеси, сайындардын жээни болом» деп айтышчу экен.

Бул уруктун өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү XVII к. Кыргыз жеринин Алтыр улусунун Саян аймагын байырлагандардын урпактары болушат.

Аскиз өрөөнүндө «сибижин» аттуу аз сандуу урук жашайт. Алардын түпкү ата журту Кузнецкидеги ПадынТасхыл тоосу менен байланышкан. Сибижиндер энчилүү атын аңчы бабасынан алышкан экен. Сибижин бир ирет Падын-Тасхыл тоосунда тогуз аюуну атып өлтүрөт. Бирок, аңдын эти өз тукумуна жетпей калып, ыйык тоого таарынып кыйкырат: «Биз ачка калганыбыз үчүн ПадынТасхыл тоосу жер алдына түшүп кетсин». Падын-Тасхыл тоосунун ээси бул кордоого чыдабай мергенчини каргайт: «Сенин уругуң сибижин деген ат алып, ар бир үй-бүлөдө үч эркек баладан ашпасын». Ошондон улам сибижин уругунун курамы көбөйбөй келет. Сибижинден Тохпагас (Токмагаш) туулат, ал Аскиз өрөөнүн жердептир. Андан Чочыя, Чудангас, Идемеш деген үч уул туулат. Булардан кийинки Чочыев, Чудангашев, Идемешевдердин тукумдары таралат. Чудангашевдер кийин өз фамилиясын ПадынТасхыл тоосунда көмүлгөн түпкү бабасы Токмагаштын ысмына кайрадан которуп алышкан.101

Хакастар ыйык тоолорго элдин тагдырын чечет дешип өзгөчө кадырлап мамиле жасашат. Хакастардын курамында шорлорго таандык «том» уругу жакында эле пайда болгон. Моңголдордун Көптөгөн чабуулдарынын биринде кыргыздан Чабыжах деген жаш бала Кузнецк токоюна жашынып калган экен. Ал Томь жана Палбың-суг дарыяларынын жогору жагына отурукташып калат. Андан Чабылгай, Чабылгайдан Чулжан төрөлөт. Чулжандан шорлордун Чулжановдордун тукуму таралганы белгилүү. Чулжан Ахпаш жана Көстүк деген эки уулдуу болот. Күндөрдүн биринде Ахпаштын үч үйүр жылкысы жоголуп кетиптир. Аларды базиндик жылкы уурулар айдап кеткен болот. Ал жылкыларын издеп чыгып, аларды Аскиз өрөөнүнөн табат. Ахпаш менен Көстүк малы менен жылкысы табылган Аскиз дарыясына жакын жердеги Читы Сарыг-Хыс деген тоонун этегин байырлап калышыптыр. Бул бир туугандардан Ахпашев менен Костяковдордун тукуму таралат. Булар том уругун негиздешкен.102

Аба (аюу) уругунун келип чыгышы тотемдик жаныбар менен байланышкан. Уламыштар боюнча Томь дарыясынын өрөөнүндөгү Кузнецк токоюнда (аба чирi) Хан-хыс деген кыз жашаптыр. Күндөрдүн биринде тайгага жержемиш жыйнап келгени барган кызды аюу уурдап кетет экен. Хан-хыс аюунун чээнинде үч жыл жашап, уул төрөйт. Уулунун денеси аюу түктүү болгону менен адамдан эч кандай айырмасы жок эле. Хан-хыс уулу менен тайгадан качып, адамдарга барып жашоого макулдашат. Ыңгайлуу учур келгенде жолго чыгышат экен. Алардын качканын билип калган аюу артынан кууп жетет. Уулу аны менен кармашып жеңип чыгат. Хан-хыс айылына келип болгон окуяны туугандарына баян кылып айтып бергенде, алар өз уруусуна эне-бала экөөнү кабыл алышат экен. Убакыт өтүп, аюунун уулу жергиликтүү кызга үйлөнүп, алардан аба (аюу) уруугу тараптыр. Бул уруктун өкүлдөрү башкалардан узун бою, денесинин түктүүлүгү менен айырмаланышат. Бул урук жайгашкан жер «Аба чыс чири» – Абалардын чери деп аталары маалым. Көп жылдар өткөндөн кийин бул уруктун бир бөлүгү хакас жайыктарына көчүп барышып, сагайлардын курамына жуурулушат.103 Аба уругунун XVII к. Томь дарыясына көчүп барган абиншорлор менен туугандык байланышы бар.

Кызылдар (хызыл) урук топтору өздөрүнүн тегин сагайлар менен бир элбиз деп карашып, түпкү бабасы легендарлуу Хызылах экенин белгилешет. Бирок, чындыгында бул уруу өз энчилүү атын XVIII к. Июс өрөөнүнүн калкын баш коштуруп бириктирген, үстөмдүк абалды ээлеп турган «хызыл» деген уруктун атынан алышкан. Хызыл уругунун энчилүү аты алардын ата-бабаларынын антропологиялык тиби менен байланыштуу болуп, алардын бабалары сары чачтуу болгон имиш.104 Кызыл уругу XVII к. Кыргыз жергесинин Алтысар улусуна кирген кыргыз аймактарында жашап өткөн уруулардын биринин урпактары болгон.

Уламыш боюнча кызылдар оокаттуу, бардар жашашкан экен, ал эми качиндер болсо кедейчиликте жашап алардын малын багышыптыр. Кызылдардын бакыбат турмушу ата-бабаларынын Июс дарыяларынын ортолугуна каткан байлыгына байланыштуу экендиги айтылат. Хакасоли Жунгарияга сүрүлгөндө кыргыз ханы СолбанХара-Хус жана Сарыг-Хая тоолоруна тогуз куржун алтын-күмүштү, алтын үстөл менен алтын кулунду кошо көмүп кеткен экен.

Бир жылдары кызылдар бабалардын алтынын таап алууга аракеттенишет. Солбан-Хара-Хус тоосунда көп жерди казышып, жылкынын баш сөөгүнөн башка эч нерсе таба албай коюшат. Ызаланышкан кызылдар баш сөөктү Ак Июс суусунан ары ыргытып жиберишет. Заматта баш сөөк көк өрдөккө айланып учуп чыгып, тигилерди каргайт экен: «Силер бабаларыңардын каада-салтын барктабай калдыңар, бул үчүн жазаланасыңар. Ушул күндөн тартып бакты-таалай кызылдардан качиндерге өтсүн». Уламышка караганда ошол күндөн тартып качиндер байый башташыптыр.105 Ошондон тарта, уламыш боюнча, кызылдар кедейленип, качиндер байып кетишкен экен.

Эне-Сай өрөөнүндөгү Куну-Таг тоосунда кедей чарба, көк музоосунан башка эч нерсеси жок Кун-Арии аттуу кыз жашаптыр. Күндөрдүн биринде Алтай тараптан жоо каптап кирип, элди Хонгорай өлкөсүнөн чет тарапка кулдукка айдап кетишет. Кун-Арии музоосу менен туткунга түшүп калат. Бир нече жыл өткөндөн соң, музоо кылыч сымал мүйүздүү көк букага айланыптыр. Ал төрт түлүктүн молчулугун колдогон касиетке ээ болуп чыгат. Көк бука өкүргөндө анын үнүнөн эле уйлар төлдөй баштаптыр.

Алтайдын өрөөндөрү малга толуп кетиптир.

Жаз айларынын бир күнүндө көк бука көлөкөдө уйкуда жатса анын мүйүзүнө талаа булбулу «ыро-сарыг» келип конуп, ата-журт жөнүндө ырдап кирет. Ырды уккан буканын жүрөгүндө Хонгорай мекенин сагынуу сезими ойгонуп, өкүрүп-мөөрөй баштаган экен.

Көк бука Кун-Ариини жонуна олтургузуп, тайганы аралап Эне-Сайга карай бет алат. Абаканды ашып өтүп, Матур өрөөнүнө келип түшүшөт. Кубанган бука күч менен өкүрө баштаганда өрөөндүн уйлары төлдөй баштаптыр. Буга таң калган сагайлар кендир аркандар менен көк буканы байламакчы болушканда, бука жиптердин баарын бырча-бырча үзүп салган экен. Көк бука Эне-Сай өрөөнүнө келгенде ага килейген аюу (алдыр) кол салат. Тайганын жырткыч айбаны буканын карынын жарып салат. Бирок көк бука кылыч сымал мүйүздөрү менен аюуну жерге кадап салыптыр. Жарадар болуп, кансыраган көк бука өз кыштоосуна жетип келет. Анын аккан канынан Көкса (Көк суг) пайда болот. Куну-Таг тоосунун этегине жетип, бука ташка («көк пуга тас») айланып калыптыр. Көк буканын жардамы менен Алтай туткунунан кутулган КунАрии өз уругуна «пуга» (бука) деп ат коет. Кызылдардын уруулук бирикмесине киришкен пуга уругунун өкүлдөрү үч жылда бир таш эстеликке «көк пуга тас» курмандык чалып, түлөө өткөрүп турушары белгилүү.106

Пуга уругунун келип чыгышы жөнүндөгү сюжет кыргыздардагы бугу уруусунун тотемдик жаныбары Бугу-Эне жөнүндөгү уламышты эске түшүрөт.

Тарыхый фольклордун маалыматтарын талдап чыгуу көрсөткөндөй, Саян-Алтай түрктөрүнүн тагдырынын жалпылыгын белгилөө менен, хакас этносун мурда жашап өткөн этникалык бирикмелердин генеологиялык мураскору катары кароо зарыл. XVII–XVIII кк. бою ар түрдүү уруулук топтордун Хонгорайдан Саян-Алтайдын сырттарына, ошол эле убакта Моңголия менен Сибирдин айланасындагы аймактардан Эне-Сайдын түздүктөрүнө ары-бери көчүү процесстери болуп өтөт. Уруу-уруктардын ата журтуна кайтып келүү жөнүндөгү көксөөлөрүн чагылдырган көп сандаган уламыштардын кеңири тарашы хакас этносунун патриоттук сезиминин бийиктигин, анын этнос, эл катарында өзүн өзү сактоого болгон асыл умтулуусун далилдейт. Орусияга каратылгандан соң, көпчүлүк уруктар жаңы энчилүү аттарга ээ болушту, айрымдары өздөрүнүн этникалык атын жаңыдан түзүлүп жаткан аймактык-башкаруу бирдиктеринин аталыштарына беришти. Качин, сагай, кызыл, койбалдар этникалык топтордун аталышы, кийинчерээк, орус администрациясынын таасири менен келип чыкты. XVIII к. хакас калкынын урук-тукумдарынын (фамилиялык) курамында качиндер – 24,5%, кызылдар менен мелеттер – 20,8 %, сагайлар менен белтирлер – 19,2 %, бирюсин менен верхотомдуктар 21,5%, койбалдар 12,4 % түзүшкөн.107 Чындыгында, койбалдардан башка этникалык топтордун салыштырма саны бирдей болгону көрүнүп турат. Азыркы учурда сагайлар хакастардын 70 %, кызылдар 5 % түзүшөрү белгилүү.

Мурда кимдин кайсы урук-тукумга таандык экени фамилиялар аркылуу эмес, ошол урук-тукумдун аталышы боюнча аныкталып келсе, орус администрациясынын таасири менен андай жолжобо коомдук турмуштан толук сүрүлүп, анын милдетин фамилиялар аткарып калды.

Хонгорайдагы коомдук-патриархалдык түзүлүштүн бузулушу менен, XVIII к. баш чендеринде этностун сакталып турушунда хакас аялынын (ипчи) ээлеген орду өсө баштаган эле. Аял уруктагы улуу эркектерден качуу салтын сактап калган. Уруктун кырылып жок болуу коркунучу алдында турганда бул качуу салты бузулган.

Уруулук санжыра жана уламыштар хакас уруктарынын көпчүлүгүнүн келип чыгышын мифологиялык негизде, дүйнөлүк топон суу учурундагы мезгил менен байланыштырышат. Уруктар келип чыккан жерлер катары Саян багы жана Кузнецк Ала-Тоосундагы Ортолук Эне-Сай, Абакан, Томь, Июс өрөөнүндөгү ыйык тоолор көрсөтүлөт. Уруулук этнонимикадагы тотемизмдин калдыктары хакас калкынын турмушундагы диний ишенимдерди чагылдырат. Хакас фольклору XVIII к. качиндер менен шорлордун бир бөлүгүнүн Июс жана Абаканга көчүшүн баяндаган жазма булактардагы маалыматтарды ырастайт. Хакастардын этникалык топторунун XIX к. урук-уруулук курамы жана жашоо турмуш үлгүсү боюнча өтө жакын болгондугу алардын бир туугандардан тарагандыгын баяндаган уламыштарды тастыктайт.

Хакастардын диний ишенимдеринде уруулук жана үйбүлөлүк фетиштер – тёстор негизги ролду ойногон. «Тос» же «тоступ» (негизи, маңызы, тамыр) термини байыркы түрк доорунан белгилүү жана мындай фетиштер байыркы хакас бабаларында да белгилүү болгон. Хакас тилинде «тёсь» сөзү, биринчиден, шамандын көрүнбөгөн дух-жардамчысы, асман жана жер менен бирге жаралып пайда болгон өзгөчө бир ыйык катары, экинчиден, ата-бабалардын арбактары жана үй-бүлөнү колдоочулар катары түшүнүлгөн. Үй-бүлөлүк уруулук тёс-фетиштер ар бир үй-бүлөдө, боз үйдө атайын орунга коюлуп, сыйынт затына, коломтонун ээси – сактоочусуна айланган. Алардын айрымдары антроморфтук, экинчилери – зооморфтук кейипте, эркек жана аял түрүндө элестетилген. Ар бир фетиш өзүнө өзгөчө мамилени, өзгөчө тамакты «талап кылган».

Үйдөгү фетиштердин көпчүлүк бөлүгү ача жыгачтан жасалып, ортолугу кайыш менен тартылып, ага көз ордуна мончок кадалган төрт бурчтуу кездеме кошо тигилчү. Ача жыгачка эки тараптан өрүлгөн чачты элестеткен чачык жип байланган. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде айры сыяктуу төстөр аялдардын духтарынын антроморфтук образын билдирип, көбүнчө боз үйдүн эпчи (ашкана тарабы) жагына коюлчу. Айры сымал төстөрдүн пайда болушу ата-бабалардын культу менен байланыштырылган.

Айры сымал тёстөр өз өнүгүүсүндө табигый өзгөрүүлөрдү баштан кечирген. Кара көздүү, кара чачтуу хакастарда «көк көздүү» фетиштердин сакталышы, бул культтун түпкү тегинин коло доорунун археологиялык маданияты менен, Ортолук Эне-Сайдагы көк көздүү, европалык түспөлдүү (европеоид) уруулардын жашаган мезгили менен тамырлаш экендигин аныктайт.

Акыркы он жылдардагы Хакасияда жүргүзүлгөн археологиялык казуулар көптөгөн ачылыштарды жарата алды. Булардын ичине Торгожактагы карасук турагынан табылган «оймо-чиймелүү таякчаларды» кошууга болот.

«Оймо-чиймелүү таякчалардагы» антроморфтук образдарга назар салганыбызда хакастардын айры сымал төстөрү менен мурастык жалпылыктарын байкоого болот. Ар башка материал болгондугуна карабастан бет түзүлүшүндөгү жалпы стиль байкалат, аялдын бети үч бурчтуу келип, ээги шиштигий, эки жагынан чач түшүп турат. Демек, Торгожак турагында табылган «оймо-чиймелүү таякчалар» фетиш болуп саналат, ал эми хакас фетишизми түп теги боюнча карасук маданиятына барып такалат. Ошентип, хакас маданиятынын айрым катмарларынын башаты Хакас-Минусин аймагында мындан үч миң жыл илгери пайда болуп, этнографиялык мезгилге чейин сакталып келди, бул жергиликтүү калктын мурдагы бир замандарда жашап өткөн уруулар менен элдердин тарыхый-маданий мурасчысы экенин ырастап отурат.

II БАП

ТАРЫХЫЙ ФОЛЬКЛОРДУН КААРМАНДАРЫ

2.1. Мифологиялык каармандар

Хакас тарыхый фольклору карт Хонгорай жергесинин даңкын чыгарган байыркы доорлордун жомок сыңар баатырлары жөнүндөгү маалыматтарды бизге жеткирди. Саян-Алтай элдеринин, алардын ичинде хакастардын да, эң бир белгилүү мифтик каармандарынын бири, ири дарыяларды жана сугат каналдарын курган Сартакпай (Сартабан) деген болгон. Хакас мифтеринде Сартакпай (Сартабан) Саян тоолорун тешип, Абакан дарыясынын нугун салган экен. Анын Хуртуях-Тас аттуу аялы Аны дарыясынын агымын эки тарапка бууп жатып, Уттиг-Тас тоосунда болчу жолугушууга үлгүрбөй калат экен. Алдыга карай оозуп кетип калган Сартакпайга катуу капа болгон аялы кайгырган бойдон ташка айланып калыптыр. Ушул учурда Сартакпай Абакандын нугун Эне-Сайга (Ким суг) чейин казып жеткирген экен. Аялын күтө берип, келбеген соң, кайтып келе жатып Хамхазыдагы таш болуп калган аялын көрүп, оор жоготууга учурап, кайгырган Сартакпай Абакандын боюна Харажулдун жанына жамбаштай жатып, өзү да таш болуп катып калыптыр. Бул жер хакастарда азыр да Сартабан-Тас же Ызых-Тас, б.а. ыйык таш деген ат менен белгилүү. Бул энчилүү ат улуу Сартакпайды өзгөчө урматтоодон келип чыккан эле. Жаз мезгилинде чоң суу кирген убакта хакастар суунун боюндагы Ызых-Таска майрам өткөрүү үчүн жыйналышкан. Ал ташка сүт, шарап жана «потко» чачышат. Алар Сартакпай-Ташка качандыр бир убакта жан кирип, суудан чыгат да, өзүнүн падышачылыгын калыбына келтирет деп ишенишет.1

Хакастардын ишеними боюнча Сартакпай Абакан өрөөнүнө Моңголиядан келген имиш. Ал эми алтайлыктардын мифтери боюнча Сартакпай баатыр асмандан жамгыр, маман калдырак жана чагылган менен кошо түшүптүр. Алтай жергесине Эне-Сай тараптан барган экен. Ал мезгилдерде Саян-Алтай тоолорунда токой болбоптур, ал эми таштар жумшак болгон деп айтылат. Сартакпай Катун жана Бай дарыяларына нук салууга, Хан-Хухей тоо кыркаларын тургузууга үлгүргөн.2 Саян-Алтай элдеринин эсинде Сартакпай баатыр жолдордун жана сугат каналдарынын жардамы менен жүргүзүлүүчү дыйканчылыктын ээси катары сакталып келет. Болжолу, бул Сартакпай деген ысым түрк-моңгол дүйнөсүндөгү байыркы жалпы «сарт» же «сартак» жер иштетүүчү, соодагер деген терминди туюнтушу ыктымал.3 Сартакпай башка эпикалык чыгармалардагы каармандар сыяктуу эле, өлсө да бул дүйнөдөн кетпей, ташка айланып жашап келет.

Эне-Сай өрөөнүндөгү Хан-Тегир дарыясынын төмөнкү чатында Харатас аттуу баатыр өз үй-бүлөсү менен жашаган экен. Бир жолу Моңголия тараптан жоо каптап кирет. Коркунучту сезген Харатас баатыр Хан-Тегир дарыясынын айрылыш жериндеги музду оюп коёт экен. Дарыядагы тоңгон музду бейкапар басып келе жаткан жоо аскерлери муздун оюгуна түшүп, чөгүп өлүшөт. Өз ийгилигине өтө кубанган Харатас ташка айланып калганча күлгөн экен. Ошондон бери хакастарда бирөөлөрдүн башына түшкөн кырсыкка табалап, күлгөн болбойт деп накыл кеп айтылып келет. Бул жер бүгүнкү күнү да Харатас (азыр Саяногорск) деп аталып келери маалым.

Баатырдын жесири балдарын алып кырсык болгон жерден Абакан өрөөнүнө көчүп кетмекчи болот. Ал аталган өрөөнгө Хызыл-Хая тоосу аркылуу түшүптүр. Бул жол азыр да «хуртуях чолы» – «куртка (кемпирдин) жолу» деп аталат. Башка келген оор турмуш алы кетип, айласы куруган кемпирди мүңкүрөтүп салган экен. Бул кемпир Абакандын кечүүсүнөн баласын колунан түшүрүп жиберет.

Акылынан адашкан аял өз кызын катуу каргап-шилей баштаганда, кызы Көк-Хая тоосу тарапка качып барып, «Хыс козее» деген балбал ташка айланып калыптыр. Харатас баатырдын жесири өз тагдырына наалат айтып, Хамхазы дарыясына келип жетет. Ал күн чыгышка бурулуп карап: «Менин алды жагымды сүттүү мал бассын! Арт жагымды адам тукуму бассын!» – деп Хуртуях-тас деген ташка айланып калат. Ошондон тарта Хуртуях-тастын чыгыш тарабындагы качиндер талаасында мал көп өстүрүлсө, андан батыш тарапта жайгашкан сагай уруусунда наристелер көп төрөлүптүр.4

Саян-Алтай элдеринде дүйнөлүк топон суу жөнүндө миф кеңири таралган. Ал мифте хакастын Нух пайгамбарынын образында көзү ачык, Ортолук Эне-Сай өрөөнүнүн калкынын түпкү бабасы болгон Борус (Хан-Пургус) катышат. Хонгорайдын эзелки калкы кыргыздар таптакыр эч нерседен жалтанбаган, жаратылыштын кубулуштарынан, кудайлардан да коркпой, аларды тоготпой жашаган эл болгон экен. Алар өз күнөөлөрү жана жараткан кудайды тоготпой калгандыгы үчүн топон суу алдында калып, курман болушат. Бир гана көзү ачык Борус болор кырсыкты 40 жыл мурда сезип, тоо чокуларынын бирине чоң кайык (тимир сал) куруп, аны темир мыктар менен бекитет. Андан соң аялын, бала-бакырасын жана мал-мүлкүн, ар түрдүү жаныбарларды кайыкка салат. Эки жандык темир салга чыгуудан баш тартышат экен. Алар эзелки мамонт сыяктуу «аргыланг», экинчиси «хан-кирети» – эки баштуу бүркүт болгон экен. Топон суу каптагандын отуз тогузунчу күнү «хан-кирети» «аргылангдын» тумшугундагы мүйүзгө эс алууга конгондо, «салмак көбөйүп, экөө тең чөгүп кетиптир». Ошондон улам, бул жандыктар жер үстүндө жашабай калышкан экен.

Кырк күн, кырк түн бою Борустун темир кайыгы дүйнөлүк топон сууну сүзүп жүрөт. Кырк биринчи күнү суунун деңгээли төмөндөп, Саян тоолорунун чокуларынын бири көрүнүп калат. Хакас Нухунун урматына Саян тоолорундагы бул чокулардын бири Борус деп аталып калган. Бир аз убакыттан соң Борус кузгунду жерден кабар алууга жөнөтөт. Бир күн өткөндөн соң, кузгун оозуна дарактын көк талын тиштеп алып, учуп келет. Борус топон суунун бүткөндүгүн, жер жүзүндө жашоонун кайрадан башталганын кубануу менен кабыл алат. Борус аялы жана балдарын алып, кийинки «тадар» деген элге негиз салганы чокудан Эне-Сай өрөөнүнө түшүптүр. Кайыктагы жан-жаныбарлар да туш-тушка тарап кетишет экен. Борус тоолорунун чокуларынын биринде таш болуп катып калган бабабыздын темир кайыгы сакталып келет делинет уламышта.5

Хан-Кирети кушу жана мамонт Аргыланг катышкан уламыштар алтайлыктардын жана батыш буряттардын фольклорунда да сакталып келет.6 Бул моңголдор тутунган лама дининдеги Гаруда кушу жана мамонт Аргыланзаан сыяктуу мифологиялык образдардын таасири астында келип чыккан. Хакасияда Борустан башка Пойзым ЫзыхТаг, Читы-хыс, Керим-таг ж.б. тоолордун чокуларында жергиликтүү калктын пикиринде таш болуп катып калган кайыктардын элестери бар. Бирок алардын бирөө да беш чокулуу ыйык Борус тоосуна тең келе албайт. Бекер жеринен белгилүү жазуучу Мурад Ажы төмөнкүлөрдү айткан эместир: «Ар бир түрк өз ата-бабалары сыйынган Кайлас, Хан-Тенгри, Уч-Сумер, Борус ж.б. тоолорду билүүсү керек».7

Саян-Алтайдын түрк-моңгол элдеринде Көкөтай баатырдын мифтик образы кенен таралган. Анын жаны түнкү асманда Сириуст жылдызы (Көкөтай чылдыз) түрүндө жашап келет.

Хакас мифтери боюнча Көкөтай Эне-Сай (Ал-Ким) өрөөнүндө жетим болуп чоңоёт. Жаз күндөрүнүн биринде ал Оглахты тоосунан какылдап, аскага урунуп-беринип учуп жүргөн турпанды көрүп калат. Буга таң калган Көкөтай Сулу-Хая аскасынын башына чыгып, турпандын уясын көрөт. Ал уяда күчүктүн кыңшылап үнү угулган бир жумуртка бар экен, демек бул турпандын биринчи жумурткасы экен деп ойлойт Көкөтай. Анткени Хакас ишеними боюнча турпандын биринчи жумурткасынан Хубай-Хус аттуу канаттуу күчүк чыкчу экен. Турпандар биринчи жумурткасынан Хубай-Хустун чыгышын каалашпай өздөрү жеп коюшат имиш.

Көкөтай жумуртканы колтугуна бекем кысып жылытканда жарылып, андан кара кулак ак күчүк – Хубай-Хус чыга келет. Хубай-Хус торолуп чоңойгондо, андан бир да жаныбар качып, бир да куш учуп кутула алчу эмес дешет. Мурдагы жетим Көкөтай Хубай-Хустун жардамы менен бир топ ирденип, оокаттуу болуп калат. Бул укмуштуу канаттуу жаныбар жөнүндө кабар алыскы жерлерге, моңгол ханына да жетет. Моңгол ханы канаттуу итти сатып алууну чечип, өз элчилерин жөнөтөт. Себеби, моңгол ханынын баласы катуу сыркоолоп, аны дарылоо үчүн арстандын жүрөгүн берүү зарыл болгон экен. Түштүктөгү чөлдүү аймакта жашаган арстан жеңилгис жырткыч болгон. Аны Хубай-Хус гана жеңе алмак. Курсагы тоюп, шарапка кызыган Көкөтай мындан ажырабайм деген мурдагы убадасын бузуп, байлыкка кызыгып, канаттуу итти сатып жиберет. Моңголияда Хубай-Хус арстанды жеңип, анын жүрөгүн жеген ханзаада сыркоодон айыгыптыр. Түн киргенде Хубай-Хус байланган чынжырын үзүп ата журтка кайтат. Ортолук Эне-Сайга жакындаганда үч маралды көрүп калат. Өзүнүн күчүн сыноо максаты менен аларды кууп жөнөйт. Көкөтай түшүндө Хубай-Хустун үч жылдан кийин келип, марал кууп жүргөнүн көрөт. Ал чочуп ойгонуп, тосуп чыкмакчы болуптур. Эне-Сайдагы Хосхор тоосунун жанынан Көкөтай Хубай-Хусту жана качып бараткан үч маралды кууп жетет. «Мен Хубай-Хусту кууп жеткен жер Хосхор деп аталып калсын», – деп айткан экен ал. Андан соң, алар Типсей, Туран, Оглахты тоолору аркылуу Кара, Ак Июс дарыяларына чейин жетип барышат. Жол катары белгилүү чокулар, чоң дарыялар Көкөтайдан энчилүү ат алышат. Качкан маралдар Оргылык-инек (Козулуу Марал) сазынан Тыттыг-Көлгө жакындап барганда, үчөө тең көлдүн ээсинен сактап калууну суранышат. Көлдүн ээси жаш маралдарга боору ооруп, Хубай-Хусту суунун алдына алдап алып кирген дешет.

Ачууланган Көкөтай маралдарга жана Тыттыг-Көлдүн ээсин оозго алгыс сөздөр менен каргаган экен. Каргыштан үч марал тең ташка айланып (Оргы тигей), Оргылыгинек (Козулуу инек) сазынын ортосунда калып, жандары болсо үч жылдыз – Орионго (Үс Муйгах) айланып калышканы баяндалат.

Көк теңири Көкөтайга ачуусу келип, аны жазаламакчы болот. Хубай-Хустун Тыттыг-Көлдүн түбүндө жаткан жанын өздөрүнө алышып, Орион топ жылдызына (Көкөтай адайлары) айлантып коёт. Көкөтай аты менен кошо ташка айланып, жаны Сириус жылдызы (Көкөтай чылдыс) болуп калган дешет. Көкөтай минген аты жана Хубай-Хус ити менен үч маралды түбөлүк кууп жүрөт. Ал дүйнөнүн акыркы күнү гана асмандан жерге түшөт. «Акыр заман» жөнүндөгү кабарды Хубай-Хус Тыттыг-Көлдүн тереңинен үрүп, бүткүл Эне-Сай өрөөнүнө кабар берет имиш.8

Хонгорайдын атактуу баатырлары эч качан өлбөйт. Хакас фольклору баатырлар (алыптар) өздөрү өлгөнү менен балбал таш, аска-зоолорго айланышып, ал эми жандары болсо тоо духтарына же жаркыраган жылдыздарга айланып калат. Канаттуу Хубай-Хус ит жөнүндөгү жомок кыргыз-казак фольклорундагы «кумай» (кумайык) менен дал келет.

Хакастарда Ир-Тохчын (Эр-Тохчын) жөнүндөгү уламыштар өтө кеңири тараган. Абакан дарыясынан алыс эмес Ызых тоосунун этегинде жашаган Ир-Тохчын улуу баатырлыгы, атактуу кайчылыгы менен белгилүү болгон экен. Ир-Тохчын Ызых тоосунун чокусуна чыгып алып, көмөкөй ыры (хай) менен машыкчу экен. Анын ыры бүткүл өрөөнгө угулуп турчу дешет. Ир-Тохчындын эки атактуу кара аргымагы болуптур. Эне-Сай талааларына аң уулоого чыкканда башкы аргымагын алыскы тайгага, Казыр жана Кизирге аттанганда кенже аргымагын минчү экен. Кошуна Моңголиядагы (Хара-Моол) күлүк элик, кулан, жейрендерге Ир-Тохчындын гана аргымактары кууп жетчү дешет.

Күндөрдүн биринде моңгол ханынын уулу СогдайМирген өзүнүн күчүн жейрендерге аң уулоодо сынамакчы болот. Моңгол аргымактары бул ишке жараксыз болгондуктан, өзүнүн карындашын аргымактарын сурап алып келүү үчүн Ир-Тохчынга жибериптир. Ир-Тохчын моңгол ханзаадасынын сулуулугуна туруштук бере албай, өзүнүн кенже аргымагын берет экен. Буга кубанган СогдайМерген чөлдө жейрендердин артынан түшөт. Шамалдай учкан жейрендерге жакындап келгенде жаа тартуу үчүн тизгинди коё берүүдөн коркуп кетет. Экинчи, үчүнчү күнү да ушул эле окуя кайталанат. Согдай-Мерген катуу чапкандан чочулап артта кала берет. Өзүнүн ачуусун аргымактан чыгарып, анын бутуна темир кишен салып коёт. Кеч киргенде Ир-Тохчындын аргымагы ата журтка качууну чечиптир. Ал аткананын кашаасынан секирип өтүп, бутундагы кишендери менен Эне-Сай тарапты көздөй жөнөйт. Бирок, ошол учурда Эне-Сай тарапта абдан зор көк жал бөрү пайда болуптур. Көк жал карышкыр аргымактын жакындап келгенин сезип, өз үйүрүнө мындай деп айтат: «Эгер Ир-Тохчындын аргымагы тирүү кайтып келе турган болсо, анда бизге күн жок. Аны кармоо керек!» Бөрүлөрдүн үйүрү кишенделген аргымактын алдынан тосуп чыгышат. Карышкырлар аргымакты Типсей тоосунун жанынан кууп жетишип, жарып салышат. Ушул учурда Ир-Тохчынга карышкырлар жарган аргымагы түшүнө кирет. Чочуп ойгонгон баатыр «бул кандай жаман түш» деп атын токуп, Типсей тоосун көздөй чабат экен. Жакындап келип, кенже аргымагынан калган сөөктү гана көрөт. Кара бөрү («ар пуур») куугундун дүбүртүн угуп, үйүрүнө айтат: «Эгер Ир-Тохчындын аргымагы картаң бээден туулса, анда анын такасы жука болот, ошондуктан таш жолго салабыз, эгер энеси жаш болсо, анын маңдайы жука болот, анда шамалга каршы жүрүшүбүз керек, эгерде бээ орто жашар болсо, анда биз кутулуп кете албайбыз». ИрТохчын бөрүлөрдүн үйүрүн бат эле кууп жетип, бир ок менен үйүр жетекчисинен башкасын бүт атып өлтүрөт. Ал кара бөрүнүн артынан Хонгорай боюнча сары изине чөп салып келе берет. Ар бир атылган огу менен бирге жерге энчилүү ат коюп кете берет. Натыйжада, Июс жана Абакан түздүгүнүн көпчүлүк дарыялары менен тоолорунун

(Сарагаш, Тиргеш, Таштып, Туим, Биря ж.б.) аттары ИрТохчындын айтканы боюнча сакталып келет. Ир-Тохчын карышкырды азыркы Саяногорск турган жерден кууп жетет. Өлөөрүн билген кара-бөрү Ир-Тохчындын аргымагын жарып салууга үлгүрөт. Кара бөрүнүн терисин кеспей сыйрып алып, бул жерге Хара-Тас деп ат коёт. Ошентип, Ир-Тохчын атактуу аргымагынан айрылат. Андан соң, кайгырган Ир-Тохчын аргымактан ээрин алып, кайык менен Эне-Сай аркылуу Абаканга сүзүп келет.

Куугундан жана жоготуудан чарчап-чаалыккан ИрТохчын Ирт-Тагка көтөрүлүп, ээрди жазданып, уктап калган экен, азыр да ошол бойдон уктап жатат имиш. Кыш күндөрү Ир-Тагда баатырдын деминен буу көтөрүлүп чыгып турат дешет. Уламыштарда Ир-Тохчын акыр заман болоордо гана уйкудан ойгонуп, өз элин куткарып алат деген баяндар айтылат.9

Бул баатырдын энчилүү ысмы байыркы түрк доорундагы лексикага барып такалат: «ир» – эркек, жоокер, эр, жана «тохчын» (туксин) – хандан кийинки үчүнчү тепкичтеги бийлик кызмат орду.10 Бул ысым байыркы түрк мезгилиндеги идеалдарды аныкташы мүмкүн. Тарыхый фольклордун маалыматтарына таянсак, Хакас-Минусин аймагынын топонимикалык системасы Ир-Тохчын башкарган мезгилге, тагыраак айтканда, байыркы түрк доорунда калыптанган десек болот. Кара карышкырдын сырттандык касиетин («хара хасха ар пүүр») өз тегин бөрүгө байланыштырган Түрк каганатынын түрктөрү менен жалпылыкта кароого негиз бар.

Ир-Тохчын менен катар, баатырдык каармандарга өтө кеңири тараган баатыр Паян-хысты кошууга болот. Паян-хыс ордосу Туима дарыясына жакын жайгашкан Барс-беггин (Пастыр бег) жалгыз кызы болгон. Барс-бег Июс түздүгүндөгү элдин башчысы, андагы жайылган төрт түлүк малдын кожоюну экен. Анын сансыз жылкы үйүрлөрү, жомоктогудай керемет аргымактары («аранжула») кара тору түстө болгон экен. Барс-бегтин жылкылары Белё көлүнүн аймагындагы кенен талааларда жайылып жатчу. Үйүрдү карала түстүү ала айгыр жылкыны ызыхы (ээси) кайтарчу экен. Күндөрдүн биринде ала айгыр жоголуп кетет. Аны издеп барган Барс-бег Ак Июсту кечип өтүп, айгырды тоонун үстүнөн көрүп калган болот. Ошол күндөн бул тоо Ызых-Таг аталып келет. Барсбег жоголуп кайра табылган айгырды алып кетип бара жатса, жолдогу токойдон балтанын үнүн угуп калат. Карагай кыйып жаткан эки кишиден карагайды эмне үчүн кыйып жатасыңар деп сураганда алар сага табыт жасап жатабыз деп айтышат. Алар ошол Ызых-Тагдын дух-ээлери эле. Алардын сөзү Барс-бегке катуу тийип, арадан көп өтпөй көзү жумулат. Анын ордуна элди баатыр Паян-Хыс сурап калат экен.

Кузнецк Ала-Тоосунун түндүк тоо кыркаларына жакын жайгашкан Кия дарыясына жамаатташ жерлерде калмактар жашашчу. Алардын арасында атагы чыккан жылкы ууру Хулатай (варианттары: Харатай, Ала-Саасхан) деген жашаптыр. Күндөрдүн биринде Хулатай жетектеген уурулар (айрым маалыматтарда моңголдор деп да айтылат) Июс түздүгүнө түшүшүп, тору жылкылардын үйүрүн чаап кетишет. Паян-Хыс жылкычылары менен бирге алардын артынан куугунга түшөт. Күн ысыганда дем алуу жеңилдесин деп, Паян-Хыс соотунун жакасын чечип коёт экен. Ушул учурда буктурмада турган Хулатай соот кийген Паян-Хыстын мойнуна жаа менен атып, жарадар кылат. Жыгылып бара жаткан баатыр кызды жоокерлери жерге түшүрбөй кармап калышат да, кайра кайтышат. Кансыраган Паян-Хыс Кара Июс өрөөнүн көздөй жөнөйт. Ал өзүнүн ысымы Хонхорайдын тарыхында унутулуп калышын каалабай бир топ көлдөр менен сууларга ат коюп кетет, алар: Хара-Көл, Терпек-Көл, Таргыжул суусу ж.б.

Баатыр кыз Ак-Июс дарыясына жеткенде күчү кетип, алсырай баштайт. Өлүм алдында жаткан баатыр кыз бир чычкандын өз канын ичип жатканын көрүп, кармап алып, анын шыйрагын сындырып: «Мага окшоп сен да азап тартып кал!» – деп ыргытып жиберет. Бирок, шыйрагы сынган талаа чычканы өлбөй эле, алыс эмес жердеги бир чөптүн тамырын жеп, айыгып, кайрадан баатырдын аккан канын соро баштайт. Ошондо Паян-Хыс азыр хакастар атын унутуп калган бир чөпкө жакындап келет. Ал «уч муундуу дары чөп» (ус пуунныг ах от) экен. Баатыр кыз чөптүн тамырын жеп жибергенде, жараттары бүтөлүп, аккан кан токтойт. Паян-Хыс өлүм алдында жатып, айыккан жер азыр Хара-Пулун (Кара-Булуң) деп аталары белгилүү.

Катуу жарааттан алсыраган Паян-Хыс Орлан (вариантта – Сон суусу) дарыясына жетип, дарактын түбүнө жатып, алп уйкуга кетет. Тагдырдын жазмышы менен ушул мезгилде Абакан тараптан өз жылкыларын издеп Ир-Тохчын келип калыптыр. Ал уктап жаткан айдай сулуу кыздын этегин ачып басымчалап коёт экен. Паян-Хыс ойгонуп кетип ызасына чыдабай каргыш айтат: «Талаа иттери сенин кара аргымактарыңды жара тартып жеп кетсин! Ир-Тохчындын тукумдарынын кебете-кешпири суук болсун! Бети чулчук, торпок мурундуу болсун!» Бул каргыш Ир-Тохчындын тукумуна тийип, ошондон улам бул уруктун өкүлдөрү жалпак бет болуп калышканы айтылат.

Паян-Хыс уятына чыдабай адамдардан качып Оглахты тоосуна барып жашынган экен. Ай-күнү жеткенде ЭнеСайдын жээгине келип, көз жарат да, наристени кайыңдын кабыгынан жасалган кайыкка салып, сууга агызып жиберет: «Барс-беггин тукуму өлбөсүн, дайыма учугу улансын!» – дейт да, кыз өзү да сууга боюн таштап, чөгүп кеткен экен. Айрым варианттарда Паян-Хыс чет элдик баскынчылар менен болгон кармашта курман болот. Сөөгү Окис-Тигей тоосуна коюлганы баяндалат. Паян-Хыс төрөгөн баланы дарыяда агып келе жаткан жерден Хурхун (Тахтар деп да айтылат) жана Хубан деген эки бир туугандар кармап алышат. Алар Эне-Сайга жакын жердеги Сарагаш деген жерде жашашчу экен. Наристени Хубан багып чоңойтот. Бала жашынан чачы жок болгондуктан ал Хоох (таз) деген лакап ысым менен аталыптыр. Андан бүгүнкү Коковдордун уругу тарайт.11

Паян-Хыс жөнүндөгү уламыш Коковдор уругу курамына кирген «соххылардын» тегинин жергиликтүү экендигин аныктайт. Алар расмий орус жазма булактарында «Кубан тукуму» деп жазылчу. Хубандын бир тууганы – Тахтар азыркы «Татаров уругунун» түпкү бабасы болуусу ыктымал. Бул урукту хакастар бурут (пүрүт) деп аташары маалым. Фольклордук жана жазуу маалыматтарды салыштырганда соххы жана бурут уруктарынын тектик жалпылыктары байкалат. Паян Хыстын каргышы менен буруттардын өңүбашы монгол сымал болуп калышкандыгы баяндалат. Мындай болгондо, Хонгорайдын алгачкы жашоочулары европеид болушканы, ошону менен бирге, кыргыздар жөнүндөгү баяндалган чыгыш булактарынын маалыматтары менен дал келет. Бул жолу кара темгилдүү барс түстүү ызых-жылкы жана Июс талаасынын элинин түпкү бабасы болгон Барсбег, байыркы кыргыздардын тотемдик жаныбары болгон барс культунун чагылышын аныктайт.12

Абакан өрөөнүндө Уйбат деген жерде жарык дүйнөгө келген Пора-Хазра (ак боз музоо) деген баатыр боз улан жөнүндөгү (айрым учурда Ала-Ирт, Ах-Кумек деп да айтылат) уламышты угууга болот. Ал башкалардан тентек мүнөзү жана кара күчү менен айырмаланчу экен. Жума күнү (сарсых күн) анын энеси каймактан кошуп «потхы» (ботко) жасап жаткан эле. Пора-Хазра алыска жер кыдырганга чыкмакчы болуп калат. Эски салт боюнча жуманын үчүнчү күнү кырсык болот деп жолго чыгышчу эмес. Энесинин каршы болгондугуна карабастан: «кудайдын бардык күндөрү бирдей!» – деп жолго чыга берет. Өз баласын жолдон токтото албаган эне бышырып жаткан «боткодон» идишке cалып, ээрдин канжыгасына байлап бериптир. Ал Сахсар тоосуна көтөрүлүп Ызых тоосунда турган жоо аскерлерин байкап калат. Хуюлыгтагдын үстүндөгү салынган сепилдерге жашынган жоо аскерлери жаа менен элди тынбай атып турушкан эле. Ачууланган Пора-Хазра жаасын тартканда атылган жебе Ызых тоосун тешип өтөт. Жебе тийип кулаган аска «Пора-Хазра атхан хаязы» «Пора-Хазра аткан тоо» деп аталары белгилүү. Душмандын аскери чочугандан чилдей тарап, артынан Пора-Хазра кууп калат. Тиренг-Өзөнү башталган жердин жанынан, Ызых тоосунун тушунан Пора-Хазра аргымагы менен Абакан дарыясынан секирет. Аргымак секиргенде алдыңкы туяктары кургакта, арткы туягы сууда калат экен. Ушул учурда ээрдеги ысык ботко аргымактын сооруна куюлуп, эки алдыңкы аягын көтөргөн бойдон тик боло түшөт. Пора-Хазра жерге кулап түшөр замат, аны жоо аскери курчап алат. Бала баатыр акыркы мүмкүнчүлүгүнө чейин салгылашып жатып курман болот.

Жоонун жетекчиси Моол-хан канжары менен ПораХазранын көкүрөгүн ачып, жүрөгү түктүү экенин көрөт. Хакастар эч нерседен тайманбаган адамды жүрөгүндө түгү (тукпи чурек) бар эр деп айтышат. Мындай лакап сөз теңир-тоолук кыргыздарда да сакталып, тайманбаган көк жал кишилерди «жүрөгүндө түгү бар» деп аташары белгилүү. Азыр да Тиренг-Өзөн жылгасында Пора-Хазра курман болгон жерде баатырдын жаны тоо ээси-духтар менен бирге жүрөрү айтылат.13

Жаа согушу (охчаа тузы) күчөп турган мезгилде Табат дарыясынын өрөөнүндө Полчек (Бөлтүрүк) аттуу даңктуу баатыр жашаптыр. Анын аялы менен баласынын да турпаты алп сымал болушкан имиш. Анын аң уулаган ээлигине Табаттын жогорку агымы жана ушул эле дарыяга жанаша жайгашкан чөлдүү жерлер кирген. Азыр да бул аймактагы тоолор «Полчек-Тат» деп аталат.

Полчек баатырдын уулу зор балбан болгон экен. Бир жолу баткакка батып калган буканы тогуз адам чыгара албай жатканын көрүп, ал бир колу менен эле мүйүздөн алып, сүйрөп чыкканын аңыз кеп катары айтып жүрүшөт. Анын алп күчү жөнүндөгү кабар бүткүл Абакан өрөөнүнө тараптыр.

Ошол мезгилдерде Абакандын жогорку агымында сарыглар уругунан чыккан Чалбарт аттуу кара шаман жашаптыр. Анын тогуз бабынын бири колодон (Хола Туур) жасалган экен. Чалбарт Полчектин атагын ичи тардык менен кабыл алат.

Ал жаш баатырды өзүнүн күчүн сыноо үчүн күрөшкө чакырмакчы болот. Чалбарт Табат өрөөнүнө келет да, белбоо байланып, күрөшүүнү сунуш этет. Шарт боюнча жеңилген тарап өз букараларын (албаты) жеңген тарапка берүүгө милдеттүү болот. Чалбарт биринчи көтөрүп чапканда Полчек жыгылбай туруп калат. Андан соң жаш баатыр Чалбартты белбоодон алып, жерге чапканда, шамандын кабыргасы сынат. Бул окуядан кийин Полчек жана анын уругунун даңкы дагы алыска тарайт. Жеңилген Чалбарт үйүнө кайтып келип, өч алуу жөнүндө ойлоно баштайт. Тогуз күн, тогуз түн шаман күчтөрүн топтоп, акыркы күнү тогузунчу коло бабы менен дубалаганда, ал дуба Полчектин жүрөгүнө барып тийип, баатыр каза табат.

Ушул эле учурда Полчектин атасы аң уулоодон кайтып келе жаткан экен. Ал Силбер-тагдан үч эликти көрүп калат да, көп ойлонбостон туруп, алтын мүйүздүү, үч кулактуу эликти жаа менен атып өлтүрөт. Ушундан соң өзүн жакшы сезбеген жаш баатырдын атасы үйүнө келе жатып Полчек тоосунун үстүндө жан берет. Алтын мүйүздүү элик баатырдын уругунун жаны эле. Полчек жаанын огу менен өзүнүн жанын өзү атып алган болчу.

Баатырдын аялы кош жоготуунун кайгысына чыдабай аскадан боюн таштап өлөт. Алардын сөөктөрү ПолчекТагка (азыркы Табат айылынын орду) коюлган. Ошентип, Чалбарт шаман өсүп-өнүгүп жаткан Полчек уругунан өч алган экен.14

Чалбарттын үй-бүлөсү чоң болгон экен. Өз үй-бүлөлөрү бар тогуз уулу болуптур. Бир жылы кыш узакка созулуп ачарчылык коркунучу келип чыгат. Ал өзүнүн уругу сарыгларды аман алып калууну чечип, аларды үйүнө чакырып, зикир чалат. Ал зикир чалардын алдында туугандарын мындай деп эскертет:

«Боз үйдүн түндүгүнөн асмандан кедр жаңгагы жаайт, дуба окулуп бүткөнчө эч кимиң тийбегиле!» Тайганын ырыскысы жаап, үйдүн ичи жаңгакка толуп чыгат. Эң кичүү келини чыдай албай бир жаңгакты жашырып алып, аны тиштеп чагар замат, үйгө куюн кирип, шаманды жана жаңгактарды түндүктөн учуруп жөнөйт экен. Чалбарттын денеси бабы жана таягы менен кошо аскага барып катуу урунуп өлөт. Ал асканын боорунда азыр да чалбарттын денесинин тийген тагы көрүнүп турат экен. Ошол учурдан бул аска Чалбарт деп аталып, сарыглардын уруулук сыйынган тоосу болуп келет.15

Тогуз баптуу чоң шамандар ар түркүн уламыштарда, а түгүл баатырдык эпостордо да кезигет. Хакас фольклорунда башкы шаман катары Палабан-хам (варианттары: Палабар, Палагыр-хам, Парамон-хам) катышат. Маселен, ак көздүү укмуштуу жандар жөнүндөгү мифте тогуз баптуу Палабан-хам алардын өлүмүн алдын ала айтат; «Хара-Сарыг» деген уламышта тогуз баптуу Палагырхам деген шаман аял Чечек өлкөсүндө зикир чалып дуба окуйт; Маселен, «Сыгда жана Сыбы» уламышында Моол-хандын кызматында Паламор-хам аттуу тогуз баптуу чоң шаман болгон экен, ж.б.16 Болжолу, «Палабан» деген аталыштын өзүнчө бир мааниси болушу ыктымал. Бул байыркы түрк доорундагы «барман» будда брахманы дегенден келип чыгышы мүмкүн.17 Буддизмдин Эне-Сай чөлкөмүнө  таралган  Кыргыз мамлекети дооруна таандык жазма булактарда жана археологиялык материалдарда чагылдырылган.

Айрым бир белгилүү шамандар өз жерин моңголдордон коргоо үчүн согушка катышышкан. Уйбаттын төр жагында атактуу шаман Эпчелейдин (варианттары: Хазыра Пуга, Пуга Моке, Хазыра Пугур) ордосу болгон. Күндөрдүн биринде Томь дарыясы тараптан душмандардын аскерлери көрүнүп калат. Эпчелей уулдары жана жээндери менен бирге аларга кол салышат. Душман эки тараптан курчоодо калат. Жээнинин капыстан аткан огу Эпчелейдин көкүрөгүн тешип өтөт. Жоо аскери жеңилгенден соң, шамандын сөөгүн бийик чокуга көмүшөт; бул жер кийин Эпчелей-Тасхыл (ХамТасхыл – Шаман ак тоосу) деп аталып калган. Уулдары таштан тирөөчтөрдү орнотушат, анын үстүнө таш табытты орнотушат. Тоонун этегинен табытка чейинки жолго таштан тепкич салышат. Өлөөр алдында Эпчелей уулдарына оң сөөмөйүн кесип, өзү окко учкан жерге көмүүнү буюрат: «Эгерде менин жылдык кара ашымда сөөмөйүм көмүлгөн жерге кайың токою өсүп чыкса, анда хакастар бул жерге түбөлүк жашайт, эгерде, өсүп чыккан токой куурап калса, анда бул жерге хакастар жашай алышпайт!» Бир жыл өткөндөн соң, Эпчелейди эскерүүгө келген кишилер киши өтө алгыс чытырман токойду көрүшүптүр.18 Эпчелейдин тукумдары Абжилаевдер деп аталышып, том-сагай урууларына киришери маалым.

Хакастардагы шаман дини бир нече миң жылдан бери жашайт. Кыргыз каганатынын тушундагы кытай жылнаамачылары мындай деп жазышат: «Духтарга арнап талаада курмандык чалышат… Шамандарын гань (кам) деп аташат».19 Шамандарды Саян-Алтай түрктөрү азыр да «камдар» (хамнар) деп аташат. Жөнөкөй элди алардан айырмалашып, хал (халлар) деп аташчу. Камдар «пугдур хамы» – эң жогоркулар, «пулгос хамы» ортоңкулар, «чаланчиктер» – билими жоктор же төмөнкүлөр (расмий даярдыктан өтпөгөндөр) болуп үч катмарга бөлүнүшкөн.

Хандардын алдында кайыптан кабар алып, башкаруучунун тагдырын айтып берүүчү шамандар болгон. Аскерлердин арасында «чаа хамы» – аскер шамандары болуп, алар согуштук жүрүш мезгилдеринде чалгынчылык кылышып, согуштун жыйынтыгын алдын-ала айта билишкен.

Сартакпай, Көкөтай, Ир-Тохчын, Паян-Хыс ж.б. каармандардын мифологиялык-поэтикалык образдары хакастардын гана эмес, Саян-Алтайдын башка элдеринин да тарыхый-маданий мурастарынын маанилүү катмарын түздү. Хакастардын эсиндеги Барс-бег 711-ж. Түрк каганатынын кошуундарына каршы согушта курман болгон Кыргыз каганатынын улуу каганы Барс-бег жөнүндө кабар берет.

2.2. Моңгол басып алуулары мезгилиндеги легендарлуу баатырлар (XIII–XVI кк.)

Кыргыз мамлекетинин моңгол басып алууларынан кийин кулашын чагылдырган маанилүү тарыхый фольклордук чыгармалардын ичинен Көтен-хан жана Ак-Көбөк жөнүндөгү уламыштарды алууга болот. Түштүк Хакасияда атактуу Көтен-хандын кыргыздын акыркы ханы болгондугун белгилешет. Анын ордосу Абакан өрөөнүндө жайгашканы (айрым варианттарда Эне-Сай өрөөнүндөгү Көтен-булакта) баяндалат.20 Кыргыздар өз алдынча саясый турмуш өткөрүшкөн. Айлана-чөйрөдөгү элдер Көтен хандын бийлигине үнсүз моюн сунуп турушчу. Жыл сайын Тун-Айран деген жай майрамында Көтен-хан мелдештин үч түрү боюнча беттешүү өткөрчү экен. Алар: «маргытасты» – оор чулу ташты көтөрүү, белбоо күрөшү жана жаа атуу мелдештери болгон. Андан соң, мелдештин жеңүүчүлөрүнө Табат дарыясынан же Көтен-хандын ордосунан Эне-Сайга чейин андан кайра артка күлүк чабуу жарыяланган. Мелдештин соңунда кол менен мушташуу уюштурулган. Бир да баатыр кыргыз ханынын күчүнө туруштук бере алчу эмес дешет.

Жашы өтүп калганча Көтен-хан жалгыз бой жашап, мамлекетти жеке өзү бийлейт, анткен себеби, анын тулку бою өтө зор болгондуктан ага чактуу колукту табылбаптыр. Күндөрдүн биринде анын нөөкөрлөрү жыйналып, Көтен-ханга кайрылышып: «Оо, биздин өкүмдарыбыз! Сенин жаш мезгилиң артта калды, ал эми сенде өзүңдүн улуу иштериңди улантчу орун басар мурасчың жок. Өзүңө жаккан кызды кыргыз элинен танда. Биз сизден кийин да күчтүү өкүмдар менен калгыбыз келет!» – деп суранышат экен. Ошондо макул болгон Көтен-ханга татыктуу деп эсептелген 30 кызды алып келишет, анын ичинен хан тогузун гана тандап алган эле. Аларды ордого жайгаштырып, өтө жакшы чүйгүн тамактарды бере башташат экен. Көтен-хан билгизбей сыртынан байкайт. Ханга алардын ичинен бир жубан жагып калат. Анткени, ал жубандын заара кылган жери оюлуп калганын көрүп, анын жатыны мыкты экенин байкаган экен. «Бул күчтүү аял менин теңим экен!» – дептир хан. Көтен-хан үйлөнгөн аял «модар» уруусунан чыккан экен. Ал жубан мурда Ак Көбөк (Ак Көбүк) аттуу уул төрөп, анысы Эне-Сайдын аркы жээгинде турчу экен.

Арадан убакыт өтүп, Көтен-хан уулдуу болот да, атын Ак-Көк Мерген деп коюшат. Ал атасы сыяктуу абдан балбан болгону менен атасындай кыраакы эмес аңкоорок жигит болуп чоңоёт. Ошол эле мезгилде, модарларда элге ичи тар, көрө албас катары белгилүү болгон Көрмегес аттуу башкаруучу жашаптыр. Ал Эне-Сайдын сол жээгиндеги элди баш ийдирмекчи болот. Кыргыз жеринде кандай окуялар болуп жатканын кунт коюп байкай баштайт.

Күндөрдүн биринде Көрмегес мадар нөөкөрлөрү менен Көтен-ханга конокко келишет. Кыргыз ханы өзүнүн аялынын туугандарын кубаныч менен тосуп алып, өтө чоң салтанат уюштурат. Модарлар Ак-Көк-Мергенди өлтүрүп анын ордуна кыргыздарды башкаруу үчүн АкКөбөктү коюшмакчы болушкан экен. Көтен-хандын уулу аңкоолугунан эч нерсени байкабай, шараптан тое ичип алып, уктап калат. Жанындагы сакчылар да бекер келген модар шарабына тоюшкандан соң тарап кетишет. Ак-Көк-Мергендин жанында анын бир тууганы Ак-Көбөк калганда Көрмегес аны мадарлар тарапка өтүүнү үндөп, макулдугун алат. «Эгер Ак-Көк-Мергендин көзүн тазаласак, анда карып калган кыргыз ханынын ордуна хан, Кыргыз мамлекетинин падышасы өзүң болосуң», – деп айтышкан экен. Ошондо ал уйкудагы Ак-Көк-Мергенди аттын куйругуна жибек аркан менен байлап сүйрөтүп, Эне-Сай тарапка алып жөнөшөт. Жанынын ооруганына чыдабай Ак-Көк-Мерген: «Мени көп кыйнабагыла, өтүгүмдүн кончунда катылган бычакты алып, өлтүрүп салгылачы», – деп суранат. Модарлар анын айтканын аткарышыптыр.21

Ак-Көк-Мергенди өлтүрүшкөн соң, Көрмегес жоокерлери менен Табат дарыясынын жанындагы Көтен-хандын ордосуна кол салышат. Бул мезгилде Көтен-хан Абакандан ыраак жерде жүргөн экен. Алыстан Есь дарыясынын жанынан ыйлаган аялдардын, кыйкырган эркектердин үнү угулат. Чечкиндүү салгылашууда Кыргыз ханы модарлардын колун талкалайт. Жеке салгылашууда Көрмегес жарадар болуп, модар жерине барып өлөт. Ак-Көбөк болсо хандын каарынан качып жашынат. Бул тоо кийин Ах-Коми-Таг деп аталып калган. Хандын каарынан качкан өгөй бала өгөөсүн жолдо түшүрүп койгон экен. Алтын-Көлдүн жанындагы руника сымал жазуусу бар төрт бурчтуу таш Ак-Комш отых тазы (Ак Көбөктүн оттук ташы) деп аталып келет. Ак-Көбөк изин жашырып, Саяндан ары жашаган моңгол ханына кызматка өткөн экен. Көп убакыт өтпөй тагдырдан оор сокку алган Көтен-хан да дүйнөдөн кайтат. Анын сөөгү Табат дарыясынын боюндагы чоң бейиттердин бирине коюлган. Жетекчисиз калган кыргыз эли Ак-Көбөктүн жардамы менен басып кирген моңгол ханынын чабуулуна туруштук бере албай, баш ийүүгө аргасыз болуптур.22

Ал эми Түндүк Хакасияда Көтен-хан Ак Июс дарыясына жакын жайгашкан Оспа-Таг (Ашпа) деген жерде жашап өткөндүгү жөнүндө башка варианты айтылат. Күз күнүндө түндүктөгү Сеет деген өлкөдөн (Чулум тараптан) Июс өрөөнүндө бир балбан кыз пайда болот. Сарат деп аталган жерде андан заара кылганда көбүктөн көлөмү койондой бала төрөлүп, атын Ак-Көбөк (Ак-Көбүк) деп коет. Ак-Көбөк баатыр Июс түздүгүн байыр алып жашап калат.

Аң уулап жүргөн Көтен-хан Сеет өлкөсүнө келген баатыр аялдын адамды таңданткан заарасынан оюлган жерди көрүп калган эле. Бирок, кыргыз эли Көтен ханды чечилип, колдобой коюшкан болот. Нөөкөрлөрү ага түз айтып, билдирүүдөн айбыгышып, макул болбосун туюшуп: «Бабалардын айткан насаатына караганда тектүү жердин адамы акылдуу, тексиз жердики акылсыз болуп чыгат, ханым!» – деп билдиришкен. Бул аялдан Көтен-хандын Хангыс жана Мангыс деген эки уулу төрөлөт. Алар атасы сыяктуу баатыр денелүү, бирок аңкоо, зээнсиз болуп чоңоюшат.

Аң уулап жүргөн Көтен хан Ак-Көбөккө жолугуп калат. Ак-Көбөккө кыргыз ханынын аты жакпай, аны «көчүк» деп кордогон экен. Көтен-хан үйүнө кайгырып келип, уулдарын өч алууга жөнөтүптүр. Бирок, алар аңкоолугунан жолдо курман болушат. Ак-Көбөк Хангысты оозун ачып, тиши менен атылган жаанын жебесин карма деп, ал эми Мангысты Сарас көлүнө киргизип, моюнга чейин музга тоңдуруп туруп, башын алып таштайт.

Ачуу чындыкты түшүнгөн Көтен-хан ат сайыш мелдешинде Ак-Көбөктү найза менен соотун теше сайып өлтүрөт. Көтен-хан кыргыздардын акыркы ханы болгон. Анын көзү өткөндөн соң, кыргыздарды моңголдор сүрүп кеткен деп айтылат.24

Көтен-хан жөнүндөгү тарыхый фольклордун маалыматтары ХIII к.Кыргыз мамлекетинин моңголдор тарабынан баш ийдирилгендигин чагылдырат. Моңгол армиясына чакырылган кыргыздар менен бирге, атактуу башкаруучу Көтен-хан жөнүндө уламыштар түрк-моңгол дүйнөсүнө кеңири тараган. Кыпчактар аркылуу ал Египеттин түрк-мамлюктарына да тарайт. XIII к. египеттик жазма даректерде татар уруусунан чыккан баатыр АкКөбөктүн кыпчактардан чыккан Котян-хандын Монгуш деген уулун эр сайышта өлтүргөндүгү баяндалат. Котянхан аскер жыйнап, Ак-Көбөктү жеңет, ал өз кезегинде моңголдордон жардам сурап, кайрадан кол салгандыгы баяндалат.25 Көтен-хан жана Ак-Көбөк тууралуу уламыштар сибирлик татарларда, телеут, алтысар жана теңир-тоолук кыргыздарда кеңири таралган.26 Ак көбүктүү заара кылган аялга үйлөнүү эпизоду кыргыз уругуна кирген, бүгүнкү якуттардын түпкү бабаларынын бири болгон Элес жөнүндөгү уламышта да бар.27 Фольклордук каарман Көтен-хандын чыныгы ысмы Түндүк Хакасияда сөздүн маанисин оңдоо ниетинде «көтөн» дегенди «көчүк» маанисине алмаштырып «Көчiм-хан» деп айтышат. Ушундан улам айрым изилдөөчүлөр фольклордук баатырды Күчүм-хан менен чаташтырып жүрүшөт.28 Ак-Көбөктүн легендарлуу аты түштүк алтайлыктардын көп сандуу уруктарынын биринин аталышы болгон «көбөк» этнониминин негизинде жатышы мүмкүн.29 Бул фактылар Көтен-хан жана АкКөбөк жөнүндөгү уламыштардын тамыры жергиликтүү экендигин жогорудагы маалыматтар чагылдырары шексиз. Бир гана нерсе, эмне үчүн Кыргыз мамлекетинин падышасы эл оозунда жагымсыз ысым менен эскерилгени белгисиз. «Көбүк» деген ат кайрадан жанданып, жаралып жаткан турмуштун, жашоонун күчүн туюнтушу мүмкүн. Фольклордук чыгармалар боюнча көбүктөн балдар пайда болушат: теңир-тоолук кыргыздарда да ушундай уламыштар айтылып келери маалым.

Кыргыз мамлекети (Хыргыс хан) жашап турган мезгилде Эне-Сай өрөөнүндөгү Оглахты тоо чөлкөмүндө Тулжубай аттуу баатыр (алп) жашаган экен. Анын ордосу Туралыг Аас деген жерде жайгашып, Оглахты тоолоруна коргонуу курулуштарын (Тулчубай свеезi) салдырат. Ал ордосу Абакандын уй-таг тоосунун этегиндеги Узум деген жерде жайгашкан Кыргыз мамлекетинин башчысына баш ийген экен. Тулжубай тулку бою абдан зор болгондуктан, аны ат көтөрө албай, жөө жүрчү дешет.

Күндөрдүн биринде Кыргыз жергесинде өкүргөндө үйлөр кулаган, дарактар сынган зор көк бука (алып кок пуга) пайда болот. Аны аңчылардын бири да ата албай койгон экен. Кыргыз ханынын ордосуна жакындап келе жаткан укмуштуу жаныбар жөнүндө кабар келет. Кыргыз элинин жетекчиси өз элчилери аркылуу Тулжубайга кайрылууга аргасыз болот. Баатыр бул коркунучтуу жаныбарды жөө басып, алдынан тосуп чыгат. Жети күнгө созулган айыгышкан беттешүүдө көк бука жеңилген экен. Салгылашуу болуп өткөн Ах Сабага деген жердеги тоо-таш, токойлор кыйрап, жылаңач талаага айланып калган имиш. Укмуштуу бука Куня (Кунутаг) деген тоонун этегинде өлүп, ташка «пуга тас» айланып калат. Бул таш узак убакыттар бою Тулжубайдын баатырдыгын эске салып турган экен. Тулжубай кыргыз каганы тарабынан анын эрдиги үчүн сунуш эткен алтын менен күмүштөн баш тартат да, өз жерине кетет. Бирок, көк бука менен беттешүүдө алган жарааттарынан оңоло албай каза табат экен. Кыргыздын улуу баатырынын өлгөнү моңголдорго чейин угулат. Моңголдор мындай ыңгайлуу учурдан пайдаланышып, катуу каршылыкка учурабастан, кыргыздарды басып алышат да, элди туткундап Дэрбэт (Торбет) жерине алып кетишет. Жол жүрүп токтогон учурда, ашууларда сүрүлгөн кыргыздарды түгөлдөп санашкан экен. Ушул окуяларга байланыштуу Саян-Алтайдын ашууларындагы белдерде санак таштар (элде «тас тастаан пил» деп аталат) пайда болгон. Бул обоо таштар элде «кыргыз таштары» деп айтылып келет.

Моңголдор менен согушта Тулжубайдын аялы СагырХая тоосундагы үңкүргө жашынып калат. Ал кош бойлуу экен, көп узабай төрөп, балдарына Чабыжак жана Чабындай деп ат коёт. Бул балдардан бүгүнкү хакастардагы «кыргыз» уругу тарайт.30

Жылкы үйүрүнүн сактоочусу – ээси («ызых») болгон Тулжубайдын аргымагы (маган ат) бүткүл төрт түлүк менен кошо Дэрбэт жергесине айдалып кетет. Моңголдор аргымакты качып кетпесин үчүн темир кишен (тимiр газен) салып коюшат. Бирок, баатырдын аргымагы кишенделгенине карабастан, өз журтуна качып келет. Аргымак Оглахты деген жердеги тоону (маган ат чолы) жердеп калыптыр. Баатырдын аргымагы сууга өз кожоюну жүргөн жол (магал ат чолы) менен түшчү экен. Аргымакты сууга түшкөн жеринен койбал уруусундагы хайдыңдар көрүп калышат. Алар атайын жол жасашып, суу аркылуу баатырдын аргымагына жакындап келишип, жаа менен атып, этин жеп тойлошот. Бул жасаган кылмышы үчүн хайдыңдар өтө катуу жаза тартышат. «Ызыхтардын» колдоочу духтары кара чечек («хараан аалчы») оорусун жибергенде, Эне-Сайдын оң жээгиндеги койбалдар кырылып калышкан дешет.32

Тулжубай баатыр жөнүндөгү уламыштарда Хонгорайда XIII к. моңгол чабуулунан XVIII к. баш чендерине чейин ки окуялар чагылдырылат. Жылкы «ызыхтарынын» культу Кыргыз мамлекетинин тушунда эле белгилүү болгон.

Фольклордук баатырлардын ичинен Хонгорайдын атакка бөлөнгөн кыздарынан Абахай-Пахтаны бөлүп көрсөтүүгө болот. Сулуу Абахай-Пахта Абакан өрөөнүндө жашап, жаш кезинен эле Ачирке-Мерген (Ачыр, Ачыргас, Хайыргас деп да айтылат) деген татыктуу жигитке кудалашып коюшкан экен.

Күндөрдүн биринде Кара Моңголиядан (Хара Моол) моңгол ханзаадасы Хургун-Тайжи жетектеген кошуун келип калат. Ал үйлөнүү тою болордун алдында кыз оюну (теенчж) өтүп жаткан учурда Абакай-Пахтаны туткундап Моңголияга алып кетет. Абахай-Пахта туткунда жүрүп, моңгол ханзаадасына Ах-Таса, Көк-Таса аттуу эки уул төрөп берет. Ал ыңгайы келген учурда балдарын тагдырдын буйругуна таштап, ата журтту көздөй качат. Моңгол ханынын аргымагын минген Абахай-Пахта Эне-Сайды сүзүп өтүп, жээке эс алууга токтойт. Ал жубан экенин билгизген эки өрүм чачын жазып, аны кыздарга окшоштуруп тал-тал кылып өрүп алат. Ошол учурда дарыянын аркы өйүзүнөн Хургун-Тайжи жетектеген куугун келип калган эле. Моңгол ханзаадасы Кем-суг (Эне-Сай) дарыясын сүзүп өтө албай, Абахай-Пахтага: «Артка кайт! Бизде алтын, күмүш байлыгыбыз көп, ортодо тапкан балдарыбыз бар!» – дегенде, Абахай-Пахта: «Жакшы болуптур, балдарымды мында алып кел, ошондо сүйлөшөбүз!» дептир. Убакыт өтүп Хурхун Тайжинин нөөкөрлөрү балдарды алып келишет. Көзүнө жаш алган Абахай-Пахта моңголдорго шарт коёт: «Ах-Таса, Көк-Таса деген балдарымды Кем-сууга таштап жибергиле, ошондо гана мен кайта бара аламын», дейт. Хурхун-Тайжи бул шартка аргасыз макул болот. Балдар Эне-Сайдын толкундарына чөгүп кетер замат Абахай-Пахта; «Менин балдарым өз элиме душман болбосун, эми алар жок, жалгыз калдым, өз элиме кайтып барсам болот!» – деп айтып, аргымакка минип өз элин көздөй чаап жөнөйт. Ушул мезгилде Ачирке-Мерген кудалашкан колуктусун күтпөй, Абахай-Пахтанын сиңдиси (пастызы балдызы) менен баш кошмокчу болуп калат. Салт боюнча эжеси өлүп калса, сиңдиси үч жылдан соң жездесине турмушка чыкчу. Бирок туткундан келген колуктусун көргөн Ачирке-Мерген кубанат. Бирок, айкөл Абахай-Пахта: «Мен сени жана өз айылымды таштап кетем, артымдан Хургун-Тайжи баштаган куугун келе жатат. Мага тынч турмуш жок!» – деп, аргымактын башын буруп, Алтай тоолору жакка кетип, ошол жерден каза болот (Айрым варианттарда Ачирке-Мергендин экинчи аялы болуп калганы баяндалат).32

Хакастардагы «Абахай-Пахта» жөнүндөгү уламыш кошуна жашаган алтай, бурят, туваларда белгилүү эмес. Экинчиден, Абахай-Пахтанын образы теңир-тоолук кыргыздар менен уйгурлардын фольклорунда кездешиши моңгол чабуулуна чейинки доорду чагылдырат. Кыргыз илимпозу Т. Абдыракунов кыргыздардагы «Ак-Мактым», уйгурлардагы «Мактум-Сулу», хакастардагы «АбахайПахта» (Абакай Таксыр) уламыштарын салыштырып, сюжети жагынан алардын жалпылыгын аныктап чыккан.33 Контексттен алганда Абахай-Пахта – бектин кызы болуу керек, анткени «абахай» сөзү «айым», «мырза айым» деген социалдык терминди аныктайт.

«Абахай-Пахта» уламышында катышкан персонаждардын эки курамдуу энчилүү ысымдары бек титулдарын аныктайт. Маселен, моңгол ханынын уулу Хургун-Тайжинин «тайчы» деген титулу «ханзаада», ал эми Ачирке-Мирген – «Мирген» аскер титулун аныктаган. Бул аталган титулдардын теги моңгол чөйрөсүнө таандык болушу мүмкүн.34

Абахай-Пахтаны ымыркай мезгилинде эле талаа мыйзамы боюнча кудалашып (бешик куда) коюшкан.35 Бул байыркы үйлөнүү салты боюнча, тойдун болор алдында кыздар үчүн атайын кыз оюн (тээнчж) уюштурулчу. Бул каада-салт өзүнүн теги боюнча байыркы түрк дооруна таандык. Трагедиялуу сүйүү, үй-бүлөлүк, турмуштук каада-салттар, аялдардын орто кылымдардын катаал доорлорундагы тагдырлары түрдүү фольклордук чыгармаларда чагылдырылган. Маселен, хакастардын «Чанар-хус» аттуу уламышындагы эки жаштын сүйүүсүнүн шекспирдик «Ромео менен Жульетта» трагедиясындагы соңку бөлүмү менен толук жалпылыгын байкоого болот. Аталган ула мыш телеуттарда да сакталып келет. Бул ырдын нотасын И. Гмелин кагаз бетине XVIII к. орто ченинде түшүргөн. «Чанар-Хус» уламышы орто кылымдар мезгилиндеги Хонгорайдагы коомдук-социалдык карама-каршылыктарды чагылдырат.37

Орто кылымдардагы кыргыз коомунда көп аялдуулук массалык мүнөзгө ээ болгон эмес; айрым учурларда аялдардын күндөштүк, кызгануучулук эрегишинин аягы трагедиялуу аяктоочу.

Эне-Сай өрөөнүндө кыргыз хандары бийлик сурап турган мезгилде Куня (Кунну-Таг) тоосунун этегинде эки аялы бар өтө бай киши жашачу. Алар өтө кызганчаак болгондуктан бир үй эмес, бир айылга батпай калышканда, бай аялдарды Куня тоосунун эки капталына бөлүп жайгаштырат.

Жыл сайын бул тоодо Көк Теңирге (типр тайии) арналган курмандык чалынып, түлөө өткөрүлүүчү, эркектер тоонун чокусуна чыгышса, аялдар тоонун этегинде калышчу. Кыргыз байынын эки аялы Куня тоосундагы түлөө өткөрүлгөн жалпы сый-тамактан кездешип калышат. Шараптан бир топ ичишкенден соң, бирин-бири көрө албаган күнүлөш аялдар («пут абызыны») бычакташып кетишет экен. Алардын сөөгүн бычакташуу болгон жердеги Куну-таг деген кырга коюшат. Акылынан адашып өлүшкөн бул аялдардын бейиттерине көрүстөн таштарын орнотушкан. Ар бир жолоочу бул кырга келгенде бейиттерди вино менен аласташып, аялдардын арбактарын тамактандырышат. Мындай ырым-жырым аткарылбаса, байдын өлгөн аялдарынын арбактары түн ичинде сары итке айланып, адамдарды кабат деп ишенишкен.38

Бул жер-суу аталышына байланышкан уламыш орто кылымдардагы кыргыздардын турмушундагы бир кайгылуу окуяны чагылдырган. Абакан өрөөнүнө каптап кирген моңгол аскерлерине каршы күрөштө Хатан-алып деген даңкка бөлөнгөн. Анын сепили тоодо жайгашып, бул жер анын аялынын урматына Таптанг-Тура деп аталган. Моңгол аскерлери чептин алдында жай мезгилдеринде пайда болуп калышчу. Моңголдордун тез-тез кайталанган чабуулунда Хатан-Алып өз жоокерлери менен сепилге жашынууга аргасыз болот. Жай өтө кургакчыл келип, чептеги суу түгөнө баштайт.

Хатан-алып жана анын жоокерлеринин каны катып, алдан тая башташат. Бул татаал кырдаалда Хатан-алыптын аялы Таптанг айым канжары менен өз көкүрөгүн жарып, күйөөсүнүн суусунун каны менен кандырган экен.

Хонгорайдын коргоочулары жапырт чабуулга чыгышып, душманды талкалашат. Наркы таза аял ата журту үчүн, сүйгөн жары үчүн курман болуп, анын аты түбөлүккө Таптанг-Тура (Таптанг мырзайымдын сепили) деп аталып калган. Анын жаны тоо ээсине айланып, тоо башындагы чепти кайтарып турат имиш.39

Таптанг-Тура сепил курулушу Хакасиянын Аскиз аймагындагы Орто жана Чоң-Сыр дарыялары кошулуп аккан жерде жайгашкан. Дубалынын бийиктиги айрым жерлерде 1,5 метрге чейин жетет. Чептин ортосунда орто кылымдардын аягы чендеги көрүстөн жайгашкан. Болжолу, бул көрүстөндүн уламыш менен байланышы болуусу мүмкүн. Тоо этегинде булак аккандыгына карабастан, узакка созулган курчоодо коргонуучулар суусуз калышкан.40 Уламыш ошол учурдун бир көз ирмемин баяндашы ыктымал.

Моңгол аскерлери Хонгорайга чабуул жасар алды Кыргыз ханынын ордосу Абакан өрөөнүндө эле. Кыргыз жерин моңголдор басып алгандан кийин, борбордук өргөө (ургу) түндүккө көчүп, Июс өрөөнүнө которулат экен. Ошол татаал мезгилдерде Июс талаасындагы Хызыл-Хас тоосунун этегинде Тарча-Хыс аттуу баатыр кыз жашаган экен. Моңгол аскерлери Эне-Сай өрөөнүндө пайда болгондо Тарча-Хыс Киргижек-баатыр, Хордынгас-баатыр, Түрүскө баатырлар менен кошо жоого каршы аттанат. Жоо аскерлери Июс тарапка Тесь дарыясын башы ченден кечип өтмөкчү болушкан. Тарча-Хыс Сон дарыясынын боюнда буктурма уюштурат. Моңголдор жолдогу буктурмадан айланып өтүшүп, Ак Июстагы Хызыл-Хас тоосундагы сепилдеги кыргыз жоокерлерин курчап алышкан болот. Ушул кыйын кырдаалда Тарча-Хыс өз баатырлары менен душманга капысынан сокку урат. Бул кырчылдашууда көптөгөн баатырлар каза болушкан. Кыргыз жоокерлери нин кысымы астында моңголдор качууга аргасыз болушат. Тарча-Хыс жоонун артынан куугунга түшөт. Ызых-Тагка жеткенде ага душмандын жебеси тийип, аргасыз артка кайтууга мажбур болушат. Өзөнгө жакындап, суудан ичкени жатышканда буктурмадан моңголдор Тарча-Хыс жана анын жоокерлерине ок жаадырышат. Көкүрөгүнөн жаракат алган баатыр кыз ордунда жан берген экен. Ал жер азыр да Тарча деп аталары маалым. Хакастарда «тарча от» деген дары чөп аябай кеңири колдонулат; бул чөп менен өлөрчө жарадар болгон баатыр кызды нөөкөрлөрү дарылаганга аракет жасашкан экен. Тарча-Хыс менен бирге курман болгон даңктуу баатырлардын ысымдары да Ак-Июстагы агарган чокуларга берилген. Түрүскөбаатырдын ысмы Тогыс-Аас айылына жакын жердеги Түрүске-Тагка, Хордынгас-баатырдын ысмы – Тарча суусунун боюндагы Хордынгас-Тагка коюлган. Моңгол басып алуулары мезгилиндеги баатырлардын ысымдары топонимикалык аталыштарда чагылдырылат.41

Тарча-Хыс энчилүү ысымдын келип чыгышы Моңгол мамлекетиндеги христиан-несториандар менен байланышкан. Көпчүлүк түрк тилдүү элдерде азыр да христиандарды «тарса, терсе» деп аташары белгилүү.42 Уламыш XIII к. баш чендериндеги окуяларды чагылдырат. Христиан дининдеги керейлер Чыңгыз хандын соккусу астында талкалангандан кийин, алардын бир бөлүгү Хакасияга көчүп, өздөрү менен христиан динин (тарча) ала келиши ыктымал. Хызыл-Хас тоосундагы эскерилген Тарча сепили культтук сыйынган жай болушу мүмкүн.

Бул мисалдан христиандардын Ортолук Эне-Сай өрөөнүндө Хакасия Орусияга каратылгандан алда канча мурда болгондугун байкоого болот.

Абакан өрөөнүндөгү хакастарда «Арыхпай-Тайжы», Хакасиянын түндүгүндө, Июс талааларында «Апрей чайзаң» жөнүндөгү уламыштар өтө кеңири таралган. Бул дастандын каарманы катары Арыхпай-тайжынын (Апрей чайзаң) жалгыз уулу катышат; анын атасынын Абакандагы Саар-Тагдын алдында (экинчи вариантында Эне-Сайдагы Куня тоосунда) ордосу болуптур. Кыргыз аймагынын жетекчиси Арыхпай-Тайжы (Апрей чайзаң) сансыз малга ээ болгон экен; алардын ичинде анын жарышка чапчу тулпарларынын үйүрү өзгөчө бөлүнүп турчу дешет. Ханзаада атасынын тулпарларын мингенди жакшы көрчү экен, айрым учурларда ат чабыштарга да катышчу. АрыхпайТайжы жыл өткөн сайын өзүнүн мурдагы баатырдык сапатын жоготуп, мамлекеттик иштерде моңгол ханы үчүн жыйналчу салыктарга көз сала албай калат экен.43 Моңгол ханы кыргыздардын салыкты өз убагында төлөбөгөндүгүнө каарданып, аскерлери менен Ортолук Эне-Сайдын өрөөнүнө келип элди туткундап, Моңголия тарапка сүрөт. Бул туткунга Арыхпай-Тайжынын уулу да күрөң кунаны менен түшүп калат. Бөтөн элде тектүү жерден чыккан уул башкалар менен бирге мал багат. Ошентип, азап-тозокко толгон бир нече жыл өтөт. Ал таштуу талаада мал кайтарып жүрүп, Арыхпай-Тайжинин үйүрүндөгү тулпарлардын башына окшогон баш сөөк таап алат. Кыргыз ханынын уулу куураган сөөктү карап туруп, боздоп ырдайт: «Мен атактуу тулпардын сөөгүн тааныдым, ата-бабаларымдын жери эсиме түштү! Мезгил келгенде менин башым да куурап, ушинтип чөлдө калабы? Бул баатырдын тулпарынын башы экенин, менин Арыхпай-Тайжинин уулу экенимди билишер бекен?» Бул кайгылуу ырды уккан сакчылар кабарды моңгол каганына бачым жеткиришет.

Каардуу башкаруучу бул жөнөкөй эмес жигитти алып келүүнү буюруптур. Үйүрдүн ичиндеги тулпарды биле аласыңбы деген суроого «ооба» деген жооп алат. Ошондо моңгол ханынан жылкы үйүрлөрүнүн ичинен тулпарды аныктоого тапшырма алган Арыхпай-Тайжинин уулу жылкы жайыттарын бүт кыдырып чыгып: «Моңгол жылкыларынын ичинен таза кандуу тулпарды таппадым, менин Хонгорайдан келген күрөң айгырыман өтчүсү жок!» – деп айтат. Бул жоопко каарданып, ачуусу келген хан кыргыз уланын сынап, байкап көргүсү келет. Ат чабышка дэрбэт (төрбет) ханын да чакырышкан эле. Моңгол ханы бул чабышка өзүнүн эң мыкты деген 70 күлүгүн коёт экен. Бирок, Арыхпай-Тайжынын уулу өзүнүн күрөң айгыры менен баарын артка калтырып, маарага жеткенде: «Улуу хан, сен чыныгы тулпарды көрдүңбү? Эми мени кууп жетүүгө аракет кылгыла!» – деп кыйкырып, Хонгорай ды көздөй чаап жөнөйт. Улан Тува аркылуу чаап өтүп, Саяндан ашып, Эне-Сай өрөөнүндөгү Турсун талаасына (Турсун чазы) келип түшөт.

Моңгол чабуулунан кийин улгайып калган АрыхпайТайжи өз элинин аман калгандары менен Сыр тайгасындагы Саар-Тагка жашынууга аргасыз болгон эле. Улан Хонгорайдын чегине жакындап келгенде атасы түшүндө өз уулун көрөт. Түшүн байбичеси Хара-Сарбыга жорутат. «Бул аян түш экен, тезинен уулубуздун алдын тосуп чык!» – деп кеңеш берет. Абышка атын токуп, Абакандагы Уй-таг тоосун көздөй чаап жөнөйт. Алыстан тулпардын туягынан чыккан чаңды көрөт. Тулпар жакындаганда уулу айтат:

«Кымбаттуу атам, Арыхпай-Тайжи! Тулпарым куш сыяктуу учуп бара жатат, аны өзүм токтото албаймын, мени куткаргын!» Турмуштук бай тажрыйбасы бар Арыхпай-Тайжы тулпарга жакындап чаап барып, уулунун бел боосунан кармап өз атына оодарып алат экен. Күрөң айгыр зымырык куштай учуп Улан дарыясынын ары жагындагы аскага урунуп коктуга кулап өлөт. Ошондо бул тоо «Хоор ат тасхыл күрөң айгырдын ак тоосу» деп аталып калган экен.44

«Арыхпай-Тайжы» уламышынын аналогдору башка түрк элдеринин (казактар, теңир-тоолук кыргыздар, башкырлар) фольклорунда да кездешери маалым.45 Бул уламыш Моңгол империясынын мезгилин, каармандардын туткундан качканын, б.а. чыныгы болгон окуяларды чагылдырат. Улуу хан өзүнө баш ийген элди кайда көчүрсө, өзү чече турган чексиз укукка ээ болгон. Уламыштар боюнча кыргыздар мал чарбачылыгын кесип катары тутуп, жомоктордо баяндалган канаттуу куштар менен теңдешкен аргымактары менен даңкталышкан.

Хуба-Сөл (Чулум – Эне-Сай ойдуңу) деп аталган зор талааны кесе аккан Белө дарыясынын боюнда кыргыздын Хырымбай (Тас-Абысха деп да айтылат) аттуу өтө бай адамынын ээлиги жайгашкан экен. Анын сансыз жылкылары, кара малы, койлору болуптур. Анын жомоктогудай байлыгы жөнүндөгү даңазалар Саян-Алтай, Борбор Азия аймактарына тараган экен.

Бир жолу Харымбайга Моңголиядан мал сатып алуу үчүн чоң көпөс келет. Моңгол көпөсү менен бирге Кыргыз жерине малды сынай билчү саяпкер да келген экен. Ал көпөскө жылкы үйүрлөрүнүн артында араң басып келаткан чабдар кулунду, уйлардын арасынан бир өлөсө торпокту сатып алууга кеңеш берет. Таң калып караган көпөскө саяпкер: «Бүткүл ушул малдын кутун (мал кизм) ушул араң сүйрөлүп жүргөн байкуштар көтөрүп жүрөт. Эгерде биз ушул чабдар кулун менен көк музоону сатып алсак, малдын ырыскысы биз жакка ооп, Моңголиядагы төрт түлүктүн саны көбөйөт!» – деп кеңеш берет. Көпөс эч нерседен шек санабаган Харымбайдан алиги малдарды эки кесик күмүш жамбыга жана эки түрмөк жибек кездемеге сатып алат.

Арадан убакыт өткөндөн соң, алиги кулун канаттуу аргымакка, музоо өтө зор көк букага айланып, төрт түлүктүн куту болуп калышыптыр. Ошол мезгилден Моңголиядагы малдын саны көбөйүп, Хонгорайда малга оору тийип, кырыла баштаптыр. Моңголдор канаттуу аргымак менен көк буканы качып кетпесин деп атайын кашаага (сиспе хазаа) камап, буттарына темир кишен салып (тимiр юзен) кайтарышат экен. Бирок, эркиндикти эңсеген жараткандын укмуштуудай жаныбарлары Чулум-Эне-Сай чөлкөмүнө туткундан биротоло качууга аракет жасашып, жолдо өлүшөт.

Ушундай «ырыскы-кут даарыган малдан» ажыраганда Хонгорайдын экономикалык негизи бошоңдой түшкөн имиш. Ошол Харымбайдын эки уулу бар экен. Улуусун Айош, кичүүсүн Анаш деп аташчу. Улуу баласы моңгол ханынын кызына үйлөнөт. Харымбай салт боюнча Айошко мурас бөлүп берип, Эне-Сай өрөөнүнө отурукташтырат. Иниси агасынын жаңы алган аялын сүйүп калат. Күндөрдүн биринде Айош аң уулоого кеткенде Анаш жеңесин өзү менен жашоого көндүрүп, Эне-Сайдын ары жээгине өтүп, кийин өзүнүн ысмы менен аталып калган Анаш өзөнүн бойлоп жашап калат. Аң уулоодон келип болгон окуяны билген Айош каарданып, качкындардын артынан түшөт. Бирок Анаш көзгө атар мерген болгон дешет. Ал жебе менен агасынын атынын чылбырын теше атыптыр.

Ачууланган Айош ат тизгинин буруп кайра Белө көлүнүн боюндагы атасына кетүүгө аргасыз болот. Бул окуядан соң, Харымбай уулу жана неберелери менен Ак-Июска көчүп барып, Тостыгжул дарыясынын боюна өргөө тигип жашап калыптыр. Алардан кийинки «хырым хыргыс» уруусу тарайт.46 «Хырым хыргыс» уругунун негиздөөчүлөрү жөнүндөгү уламыш кийинки мезгилдерге туура келиши ыктымал. XVII к. экинчи жарымында Хонгорайда атактуу Еренак Ишеевдин иниси Аюжи деген белгилүү болгон, андан бүгүнкү хакастардагы Аешиндердин тукуму тарайт.

Тарыхый фольклордун маалыматтары боюнча Хакасия моңгол басып алуулары мезгилинде мыкты жылкылары, букалары менен атагы чыккан. Эне-Сай өрөөнүндөгү төрт түлүктүн ургаалдуу өнүгүшүнө моңгол чабуулу өз кедергисин тийгизген.

Байыркы мезгилдерде Уйбат дарыясынын чатында Токчын бег (Коксин) башында турган чоң айыл болгон. Анын адамдары жыл сайын Саян тайгасындагы Казыр жана Кизир дарыяларынын бойлорунан моңгол ханына салык төлөө үчүн аң уулоого чыгышчу.

Тохчындын балдары такыр турбай токтобой, оорудан чарчап калышчу. Күз айларынын бир күнүндө мергенчилер кундузга аңга чыгаардын алдында анын аялы эркек бала төрөйт. Бабалардын эски салтына ылайык, шайтаншабырлардан сактоо максатында Койбал талаасындагы башка бир кишилерге тарбиялоого беришет. Баланын балтыр эти толо баштаганда аны койбалдар өздөрү менен кошо аң уулоого алып чыга турган болушат. Күндөрдүн биринде аңчылардын жасаган алачыгынын жанында капысынан моңгол ханынын эки атчан жоокери пайда болушуп, баланы уурдап кетишет. Моңгол адамдары өздөрүнүн чегине жакындаганда жалгыз боз үйдү көрүшөт да, ага талкан сураганы баш багышат. Бул үйдө баласыз эрди-катын турушчу. Балага зар болгон немелер бир үйүр жылкыга тестиер баланы алмаштырып алышат. Боордон жасалган шишкебекти жакшы көргөндүгү үчүн ага КараПаар (Кара-Боор) деп ат коюшат экен.

Кара-Паар он сегиз жашка толгондо боз үйгө моңгол башкаруучусунун адамдары баш багып калат. Алар армиянын катарын толуктоо максатында аскерге жарактуу жаштарды каттап жүрүшкөн эле. Моңгол ханы атчан аскерлерин толуктап, Хонгорайга кол салганга камданып жаткан болучу. Өгөй ата-энеси аны аскерге бергиси келбей, Хара-Паарды эң мыкты деген аргымакка мингизип, өз элине кетүүгө жолго чыгарышат. Бирок, Саян тоолорун ашып жатып, анын аты өлүп калат экен. Хара-Паар жөө жүргөнгө аргасыз болот. Түн киргенде ал бир зор кедр дарагынын капталындагы оюкка кирип түнөмөкчү болот. Арадан көп убакыт өтпөй жакындап келе жаткан үндөр угулат. Булар Хонгорайга кол салганы кетип жаткан моңгол аскерлери эле. Алар кедрден алыс эмес жерге токтошуп, аттарын тушап, өргүп жатып калышат. Таң атаар алды, моңголдор кызуу уйкуга киргенде ХараПаар алардын эң мыкты атын токуп минип, калгандарын алдыга салып, Эне-Сай өрөөнүн көздөй айдап жөнөйт. Жөө калган моңгол аскерлери аргалары түгөнүп, кайра артка тартышат. Хара-Паар Кем (Эне-Сай) дарыясынын өрөөнүнө түшүп, Хатыг аас аркылуу Ызых тоосунун артындагы Уйбат дарыясына жетет. Атасы кайтыш болгон экен. Бирок, энеси өз уулун тааныптыр. Тохчындын эли Хара-Паарды мураскор катары башчылыкка дайындашып, ал көп жылдар бою Абакан өрөөнүн сурап турган экен.48

Бул фольклордук чыгармалардагы маалыматтар Моңголияга баш ийген аймактардын калкынан куралган моңгол армиясынын түзүлүш тартибин билдирери шексиз. Согуштагы негизги коркунучту моңголдордун жеңил куралданган атчан аскерлери түзгөн. Аскерге чакыруу жана аскер жыйындары туруктуу «апха пасханы» – аң уулоо топторуна жазылуу маанисин туюнткан. Бул сөздүн мааниси Борбор Азиянын көчмөн коомдорунда аскердик ишке үйрөнүүдө аң уулоо чоң мектеп болгон жана ал «аб» деп аталчу.49

«Хара-Паар» уламышында аталык каада-салты жөнүндө айтылат. Мисалы, бектердин балдарын карапайым кишилер багып чоңойткон ж.б.

Жаа согушу (ухчаа тузы) учурунда, моңголдор менен болгон согуштар мезгилинде бир кыргыздын үй-бүлөсүндө Торгинжи-оол деген жалгыз уул өсүп чоңоёт. Мекен үчүн согушка аттанчу мезгил келип жетет. Торгинжи-оол го энеси тумар катары үч чүкө (хазык), жети таман сөөгүн (толарсых), тогуз тизе томугун (томых) берген экен. «Дайыма жаныңа сактап жүр, кырсык болуп калса ушул сөөктөр сени сактайт. Эгер талаада же токойдо жалгыз жатып калсаң жагылган оттун айланасына тизип кой!» – деп айтыптыр энеси. Моңгол армиясына каршы кыргыздардын жасаган чабуулу ийгиликсиз болуп чыгат да, аскерлердин калдыктары айласыз чегинишет. Моңголдор кыргыздардын сары изине чөп салып, кууп келишет. Торгинжи-оол ата журтуна тайга, талааларды кезип, өзү жалгыз келе жаткан эле. Кайсыл жерге түнөбөсүн энеси берген чүкө ж.б. сөөктөрдү ал айткандай кылып тизип коюп жатып жүрдү. Күйгөн оттун сол жагына (от соо) өзүнүн баш кийимин кийгизип казык (чазоол) кагып койчу. Ал моңголдорго көп аскер болуп көрүнүп, жоонун аскерлери ага даап бара албай коюшат. Энеси берген тумардын жардамы менен Торгинжи-оол суукка тоңбой, ысыкка күйбөй келген экен. Акыры Абакан суусунун жээгине жеткенде ал өзүн коркунучтан алыс сезип тумарларын ыргытып жиберүүнү чечет. Ошол эле түнү аны кайтарчу тумар сакчылары көрүнбөгөндүктөн, колдогон каардуу үндөрү угулбагандыктан моңголдор аны байлап кетишет. Ошол окуядан соң, хакастарда аталган сөөктөрдү көчөгө таштап салууга тыюу салыныптыр. Ошондон бери тарта аталган сөөктөрдү каракчылар менен уурулардан сактануу максатында кездемеге тизип тигип, босого ченге илип коюу салт болуп калган экен.50

Ортолук Эне-Сайдын моңголдорго баш ийдирүү чоң согуштар менен коштолуп, кыргыздар көп жоготууларга учурап турган. Сактоочу, коргоочу милдетти аткарган тумар сөөктөргө байланышкан мификалык сюжеттин келип чыгышы байыркы түрк дооруна барып такалат; мындай ишеним башка түрк элдеринде да (мис., казактарда) сакталып келери маалым.51

Абакан дарыясынын жогорку агымындагы Сур-Чазы өрөөнүндө байыркы замандардан «хара чыстар» уруусу жашап келген. Хара-чыстардын башында өргөөсү Чоң Арбаттагы Пас-Таг тоосунун этегинде жайгашкан кол башчы Харагай-баатыр деген жашап турган. Анын чоң үй-бүлөсү, жети аялы бар, өтө бай адам экен. Харагайбаатырга таандык миңдеген койлор Сур-Чазы түздүгүндө багылчу. Хара чыстардын эгин айдоочу жерлери Матур өрөөнүндө жайгашкан. Жерди абыл (кетмен сымал курал) жана соко (салда) менен иштетишчү.

Күндөрдүн биринде Харагай баатырдын эгин айдалган талаасына аюу келип, сокого кошулган атты жарып салат. Баатыр көп ойлонбостон туруп, аюуну өлгөн аттын ордуна сокого кошуп, үч жыл бою жер айдайт. Тайганын кордолгон ээси тарткан азап-тозогу үчүн Харагай-баатырга каргыш айтат: «Адам баласынын бир тууганын (аюу тайгага кетип калган түпкү бабалардын бири деп эсептелинет) кордогон сенин уругуңдун өмүрү кыска болсун, сенин туугандарыңдын жашы кырктан ашпасын!» Ошондон кийин Харачыстар аз сандуу болуп калышкан имиш.

Бир жолу моңгол аскерлери Абакандын жогорку агымы тарапта пайда болушуп, Хан-Сын тоосунун башына өргүп калышат. Жагылган отко казан асышып, эт салып жатышкан. Моңгол ханы бийиктиктен өрөөндөгү колунда курал кармаган элди көрөт. Ал өзүнүн аскер шаманын (чаа хамы) чакырып алып, боло турган окуяны баяндап берүүнү буйруйт. Дуба окуп бүткөн шаман: «Менин колдоочуларым айтты, казандагы хан бышканча хан сен өлөсүң! (хан пысканча хан өлөр) дегенде, хан: «Сен эмнени айтып дөөрүп жатасың?» – деп казанга жакындап барып ийри кылычы менен чоң ханды сайып алганда, андан чачыраган ысык сорпо хандын тамагына куюлуп кетет экен. Ал өзүнүн өзөгүн өрттөгөн ысык сорпону, кылычы менен тосом деп шилтегенде, өз башын кыя чаап алат. Моңгол ханга ошол чокуга көмүшүп, ал жер азыр да Хансын (Ханкыры) деп аталат. Моңголдор жетекчисиз калышып, артка кайтууга аргасыз болушкан экен. Ошентип Хонгорай эли капысынан келчү оор кырсыктан аман калыптыр. Моңгол ханы Харагай-баатырдын айылын жана жер иштетип жаткан элин жоо катары кабыл алыптыр. Ошол окуядан кийин, Хара чыстар Постагка үч жылда бир ирет түлөө өткөзүшүп келишет. Уруунун ыйык дарагы – карагай, ал эми колдоочу «ызыхы» жаныбары Харагай-баатыр минип жүргөн кула ат болуп калыптыр.52

Борбор Азия менен Түштүк Сибирдин төрт түлүк мал багып жашаган элдеринин тамак-аштарынын негизин эт-сүт азыктары түзгөн. Эт кайнатып бышырылган түрдө берилчү. Согум учурунда малдын канын ичегилерге куюп хан жасашкан.

Харагай-баатыр жөнүндөгү фольклордук маалыматтар Хонгорайда байыркы мезгилдерде эле соко менен жер айдашканын, орто кылымдарда абылды колдонуу кеңири тарагандыгын чагылдырат. Бүгүнкү хакастардын бабаларынын байыркы мезгилдерде уруулук менчикке таандык айдоо жана жайыт жерлери болгон.

Матур дарыясынын өрөөнүндө байыртадан хыйлар деген урук жашап келет. Моңгол доорунда бул уруктун башында Халтуйгак (айрым уламышта табан уругунда) аттуу жетекчиси жашаган экен. Анын аялы жана эмчектеги баласы болуптур. Алар менен бирге алачыкта абдан күчтүү, бирок акылы кемирээк Халчангмис деген иниси жашаган экен. Кыш мезгилинде Халтуйгак инисин муз каптаган Абакан аркылуу малдарды айдап өтүүгө тапшырма берет. Уйлар муздан баса албай, улам тайгаланып жыгылып жаткан. Ошондо Халчангмис уйлардын туяктарын сыйрып салат. Тапшырманы аткарган кем акыл: «Мен уйлар музда баса албагандыктан өтүктөрүн чечип салдым», – деп айтат. Сыртка чыккан агасы буттарынан кан аккан уйларын көрөт.

Күндөрдүн биринде хыйларга моңголдор кол салганда Халчангмис боз үйдө тамактанып жаткан болот. Агасынын чакырган үнүнөн ал: «Мен курсагым тоймоюн эч жакка чыкпаймын!» – деп жооп берет. Ачууланган Хантуйгак жаа менен тамак куюлган чоюн казанды теше атканда гана, Халчангмис ордунан туруп, моңголдор менен салгылашып жеңген экен.

Бир жолу Халтуйгак аялы менен эгин оруп-жыйнаганы кетишет. Баланы инисине таштап кетишкен эле. Бир аз убакыт өткөндө бала ыйлай баштайт. Халчангмис бөбөктү колуна алганда анын төбөсүндөгү эмгегин көрүп калат да, бул ушул үчүн уктабай, ыйлап жаткан турбайбы деп ойлойт. Кечинде кайтып келген Халтуйгак бир жаман нерсе болгонун сезип, ымыркай жөнүндө сураганда, иниси: «Силер кеткенден соң бөбөгүм ыйлай баштады эле, башындагы эмгегин сыксам ириң чыгып, анан тынч уктап калды», – деп жооп бериптир. Бул окуя Халтуйгакты кайгыга салып, кем акыл инисин жоготуунун амалын издей баштайт. «Эртең аң уулаганы барабыз, мен тоодон кызыл эликти ылдый кууймун. Сен аны аңдып туруп кармап аласың да, мен келгенче коё бербей кармап турасың», – дейт. Эртеси Халтуйгак инисин тоонун этегине коюп, өзү чокуга чыгып кетет. Ал чокуда туруп, зор чулу ташты от жагып кыпкызыл кылып ысытып, төмөн кулатып жиберет. Кыпкызыл тоголок ташты Халчангмис көкүрөгү менен тосуп кармап алат. Ал ысык ташты колу менен бек кучактап: «Байке, кайдасың?» Тоодон төмөн кулаган кызыл эликти сен төмөн түшкүчө коё бербеймин!» – деп кыйкырат. Бирок, чок болуп турган таш Ханчангмистин ичи-боорун күйгүзүп, турган жеринен жан берген экен. Ошондон бери Матур өрөөнүндөгү бир туугандар бири экинчисин мыкаачылык менен өлтүргөн тоо Андаш же Кызыл таш деп аталып калыптыр.

Халчангмис өлгөндөн соң Халтуйгак өз элине: «Менин кымбаттуу хыйларым, бир тууганымды өлтүрүп, бул турмушта жакшылык көрбөй калдым окшойт!» – деп кайрылыптыр. Арадан көп убакыт өтпөй моңголдор каптап киргенде, аларды тосуп чыкчу баатыр табылбаптыр. Моңгол ханы хайларды туткундап, алардын азы гана аман калган экен.53

«Халтуйгак» жөнүндө уламыш моңгол дооруна чейин пайда болуусу мүмкүн. Анткени бул сюжет Түштүк Сибирдин түрк элдеринде гана эмес (алтайлыктар, шорлор), якуттарда да белгилүү.54 Хыйлардын уруулук сыйынган тоосу Матурдун жогорку агымында көрүнүп турган ПусТасхыл тоосу экени маалым. Хакас фольклорунун маалыматтары хыйлардын Матур өрөөнүнүн эзелки эли менен байланышын аныктаган этнографиялык маалыматтар менен да дал келет.

Матур дарыясынын куйган жеринде хобый уруусунун түпкү бабасы болгон Хобый-Адас төрөлгөн ыйык тоо – Хооргыс-Тасхыл жайгашкан. Тарыхый фольклор анын түгасү атасы катары аскер кол башчысы болгон Кибен-баатыр жөнүндө баяндайт. Баатырдын сооту (хуях), жаа сы, саадагы (ох-саадах) менен үңкүрдө сакталып, уулуна мурас катары өтүптүр. Кибен-баатырдын өзү моңголдор менен болгон салгылашууда курман болуптур.

Башка бир уламыш боюнча Хобый-Адас (Хола-Кирис деп да айтылат) Таштып дарыясынын жогорку агымы тараптагы Көлтайга тоосундагы үңкүрдө коло бешикте чоңоюптур. Наристенин ким экенин адамдар бешиктеги жазылган эски жазуудан билишкен экен. Хобый-Адас эр жетип, атасынын аскер кийимин кийип, курал-жарагын алып, өз уруусун башкарып калат. Ал энеси, өз уруусу менен Таштып өрөөнүндө байырлап жашап турат. Хобый-Адастын өргөөсү Имжек-таг дарыясынын боюнан орун алган экен. Баатырдын сөөгүн Харланжык-Харых дөңсөөсүнө коюшуп, хобыйлар ага үч жылда бир ирет курмандык чалып, түлөө өткөрүп турушат55.

Томь дарыясынын баш жагында Хобый-Адастын кошунасы хызыл хая уруусунун түпкү бабасы болгон Ала-бег деген аскер башчысы жашаптыр. Анын атасы да, энеси да белгисиз, Хызыл-хая тоосундагы үңкүрдө жез бешикте чоңоюптур. Бул уруунун аты ушул тоого байланыштуу келип чыккан. Башка версияларда ал Хобый-Адас экөө бөлө болушуп, үңкүрдө бирге чоңойгондугу айтылат. Алабег Хонгорайдын элине оттук таштан от алууну үйрөткөн каарман катары белгилүү. Балалык мезгили Хобый-Адас менен Таштып өрөөнүндө өтүп, Кузнецк Ала-Тоосунда аң уулашчу экен. Бир жолу жаа атуу боюнча мелдеште Алабег жаанын огун үйүлгөн самандан өткөрө атканда, чебер бөлөсүнө ичи тарыган Хобый-Адас таарынып кетип калат. Ала-бег Мрассу дарыясынын өрөөнүнө келип отурукташканда моңголдор каптап кирет экен. Ала-бег соот кийип, жаа менен жоого сокку берет да, айлакерлик кылып моңголдорду өз ээлигинен кууп чыгыптыр. Бул окуядан кийин уулдары менен Хонгорайдын түздүгүнө бет алып, Чоң Есь дарыясынын жогорку агымын мекендеп калат.56

Хакасиянын алыскы түнт токойлуу жерлеринде патриархалдык-уруулук негиз бекем сакталып кала берген. Уруулук аң уулоо, уруулук сыйынуучу ыйык жайлар, урууга таандык ээлик аймак ж.б. болгон. Уламыштар боюнча Саян-Алтайдын орто кылымдагы калкы темир эритип, андан аскер куралдарын жасоону билишкен. Соот ж.б. аскер кийимдерин кийишкен уруу башчылары баатыр, бег деген түрк титулдарына ээ боло башташкан. Уруу башчыларынын үңкүрдөгү сыйкырдуу төрөлүшү бизди эзелки уруулук колдоочу-тоолор мезгилине алып барат. Хола-Кирис (коло жебе), Темир-Кирис (темир жебе), Кумус-Кирис (күмүш жебе) деген уруу башчыларынын ысымдары өткөн катаал замандардагы уруунун (уруктун) көз каранды эместигин коргоо аскердик күч менен ишке ашырылганын чагылдырат.

Тарыхый фольклор Ортолук Эне-Сайда байыртадан спорттук маданият өзгөчө орунда болгондугун тастыктайт. Салттуу күрөш (курес) оюну моңголдордон айырмаланып, белбоо байланып өткөрүлгөн. Мындай беттешүүдө бутту орой чалуу, жамбашка салып, көтөрүп уруу ыкмалары колдонулган. Күрөшүү ыкмаларындагы мындай талаптар Чыгыш Түркстандын түрктөрүндө да бекем сакталып келет. Болжолу, бул ыкма хакастарда байыркы түрк доорунан бери келе жатат. Мындан башка да ат чабыштар, ырчылардын айтыштары ж.б. уюштурулган. Тилекке каршы, фольклор дойбу (тобит), чатыраш сыяктуу акыл оюндары жөнүндө кабар бербейт.

Моңгол доорундагы Хонгорайдагы жалпы регресс калктын санынын кескин кыскарышына, эркиндиктин, көз каранды эместиктин жоюлушуна алып келди. Жазуу маданияты унутулуп, металлургиялык өндүрүш, «кыргыз кумураларын» жасоо ыкмасы токтойт. Дөңгөлөктүү арабалар керектен чыгат ж.б. Байыркы уламыштар өзгөрүүлөргө учурап, жомокторго айланып, кип-чоохтордо фольклордун ар түрдүү жанрлары менен сюжеттери жуурулушат.

2.3. Хонгорайдын тарыхый инсандары (ХVII–XVIII кк.)

XVII к. Орусия Сибирь хандыгын баш ийдирип, Түндүк Азиянын улуу талаа-токойлуу жерлерин ээлеп, чыгышка ылдамдык менен жыла баштаган эле. Түштүк Сибирдин түрк-моңгол элдери байырлаган тоолуу-талаалуу чектери узак мезгилге чейин Орус мамлекетинен ыраакта болуп келди. Түштүк Сибирдеги (XVII–XVIII кк.) татаал эл аралык мамилелердин натыйжасында Хонгорайдын сая сый аренасында жазма булактарда жана элдин эсинде сакталып калган аттын кашкасындай таанымал инсандар пайда болот.

Июс өрөөнүндө кыргыздар жашап турган мезгилде аларды Таар-бег деген каардуу башкаруучу сурап турчу экен. Хонгорайдын батышындагы калмак жерин Силигоол аттуу (варианттарда Кээн-бег) жалгыз уулу бар Хурулдай-чайзанг сурап турчу экен.

Ошол жылдары калмак жеринде «харан» деген кара тумоо тарап, калк айылы менен кырыла баштаптыр. Силиг-оолду атасы кара тумоо каптаган аймактан башка жерге жөнөтүүнү чечет. Хурулдай-чайзанг Силиг-оолго энчи мал, аларды карай турган жалчыларды, кеңешчи эки аксакалды кошуп, Июс талаасына көчүрүп жиберет. Көп убакыт өтпөй Силиг-оол жалчы-малайлары менен Ак Июска жетип, Онло деген жерди тандап алышып, кыштап калыптыр. Онло-хая тоосунун батыш бөлүгүнө анын адамдары коргонуучу чепти – «Сiлiг оол сiвеезiни» курушат. Ал эми түздүктө болсо малчылар төрт түлүктү кармай турган таш кашааларды (тас хазаа) тургузушат.

Ак Июс өрөөнүндөгү тоонун этегинде Таар-бегдин өргөөсү, ал эми андан чыгышка карай Сарас (Сарат) деген жерде миңдеген жылкылары менен өгүз-уйлары бар Хулахпай аттуу бир бай турчу дешет. Хулахпайдын үйүндө сулуу кызы бар эле. Ага аксакалдардын кеңеши боюнча Силиг-оол үйлөнөт. Көп убакыт өтпөй кыргыздардын жетекчиси Таар-бег чакырылбай келип, анын ээлигине отурукташып алган конокту өргөөсүнө чакырат. Келген конокторду жашына карата олтургузуп, сый тамак бере башташат. Өргөө ээси калмактарды уу берип өлтүрүүгө аракеттенет. Таар-бег Силиг-оолго шарап сунганда эки кеңешчи аксакал жаман нерсени сезишип, сунулган чөйчөктү токтотушуп: «Баштын мээси бар, аштын ээси бар. Кожоюн ооз тиймейин, хандын да тамакка кол салууга акысы жок!» – деп айтышканда, Таар-бег кытмыр күлүп: «Биздин салт боюнча коломтодогу оттун ээси – От-Энеге ооз тийгизүү керек!» – деп, уусу бар шарапты отко чачып жиберген имиш. Силиг-оолду ууландырып өлтүрө албаган Таар-бег аны жекеме-жеке кармашууга чакырыптыр. Бирок калмактар чоң кабыргаларды колдору менен сындырып, майдаларын тиш менен чайнап кемире баштаганда Таар-бег өзүнүн арам оюн токтотуптур. Ал Силиг-оолго Ак-Июс өрөөнүндө көчүп-конуп жүрүүгө уруксат бериптир.

Күндөрдүн биринде (Хос Хулах) Кошкулак тоосунда аң уулап жүргөн Силиг-оол жоо аскерлеринин Хордынгастагы кыргыз айылына кол салганын көрүп калат. Кыргыз жоокерлеринин бири курчоодон чыгып, Онло тарапка чаап жөнөйт. Силиг-оол аны каршы алып, аргымагын таскактатып чаап жөнөп калат. Кыргыз жоокери Кузнецк сепили тараптан (Аба-тура) казак-орустар келип, элди чапкандыгын айтып берет. Бул кыргыз баатырынын аты Алып-Таппа эле. Ал калмак бегине үзөнгүлөш жолдош болууга даяр экендигин билдирет. Силиг-оол өзүнүн кошуунун жыйнап, казак-орустарга буктурма коюп, баарын кырып салышат.

Ушул окуядан соң Силиг-оол өз алдына чоң максат коюп, Кузнецк чебин басып алып, бийлик жүргүзүүнү ниет кылыптыр. Ал эркектердин баарын кошуунга чакырып, алардан атчан кол курайт да, Кузнецк (Аба-тура) чебин келип курчайт. Бирок Хонгорайдын атчан аскерлери чепти ала албай, тегеректеги айылдарды чаап кайра тартышат. Кийинки жылы Силиг-оол сепилге кайрадан чабуул жасайт. Бул согушта көп адамдар курман болуп, көп айылдар күлгө айланганы менен, сепил бул жолу да туруштук берген экен.

Хонгорайдын жоокерлери Кузнецк Ала-Тоосу аркылуу өтүүгө жарамдуу жолдорду салышат. Кара Июстун жогорку агымындагы Ханым-Тасхылдын бели аркылуу ашып өтүү үчүн Силиг оолдун адамдары миңдеген таш тепкичтерди жасашыптыр.

Ханым-Тасхыл тоосунун үстүндө Терпек-Көл деген тегерек көл бар экен. Бул көлдүн жалгыз буттуу эки ээси (суу периси) болгон дейт. Алар кучакташып алышып, көлдүн айланасын шамал сыяктуу айланып жүрүшчү экен. Бири экинчисинен ажыраса өз алдынча баса алышчу эмес. Экинчи жолку Кузнецк жүрүшүндө Силиг-оол Терпек-көлдүн жалгыз буттуу ээлерин көрүп калып, алардын бирин кармап алат экен. Колго түшкөн суу пе риси экинчи жарымынан көлдүн алдындагы алтындардан алып келип, мени бошотуп ал деп өтүнөт. Ошол замат Силиг-оолдун алдында бир үймөк алтын, күмүш, акак таштар пайда болуптур. Бирок таш боор чайзаң алтынды алгандан соң биринчисинин башын кыя чаап алып салат экен. Экинчиси көлгө кирип кутулуп: «Сен харан кара тумоосунан кутулдуң эле, эми менден кутула албайсың!» – дептир. Алтын таштар калмак чайзаңынын кийимин, ат жабдыктарын кооздоп, түн ичинде алар айлананы жарык кылып туруптур.

Үчүнчү жылы Силиг-оол кайрадан Кузнецк сепилине кол салууга даярдана баштайт. Анын эки акылман кеңешчиси: «Кайыңдын үч ирет кабыгын сыйрыбайт, бир шаарды үч ирет камоого болбойт», – деп акылга чакырышканда, ачууланган Силиг-оол абышкаларды буттарынан даракка асып өлтүргөн экен. Кайратынан жазбаган чайзаң Кузнецкиге жакындап келип, шаарды алуунун жолун караштыра баштайт. Согуштан чарчап-чаалыккан казак-орустар чыңдоодон Томь дарыясына түз чыкчуу жер алдынан жол казышат.

Силиг-оол дөбөдө отуруп, чыңдоого көп эл кирип жатканына таң калат. Ал казак-орустардын жердин алды менен элди чыгарып, кайра дарбазадан киргизип жаткан амалын түшүнбөйт. Жоонун аябай көп экенин көрүп ындыны өчкөн Силиг-оол кайра артка тартат.

Ханым-Тасхыл тоосуна көтөрүлгөндөн кийин жоокерлер дем алмакка токтошот. Силиг-оол суусунун кандыруу үчүн көлгө эңкейгенде оозуна суу менен кошо көлдүн ээси кирип кетет. Көлдүн ээси өзүнүн бир тууганы үчүн өч алып, Силиг-оолдун жүрөгүн бурап, токтотуп коюптур. Баатырды Ханым-Тасхыл тоосунун этегине көмүшкөн экен. Аны менен кошо аркы дүйнөдө жөө жүрбөсүн дешип үч атын, нөөкөрү Алып-Таппаны, жазданарга жаздык, төшөнөргө төшөгү (частанар частыгы, төзенер төзеги) болсун деп үч кулун кошо өлтүрүп көмүшөт экен. Силиг-оолдун сөөгүн алтын, кымбат баалуу таштарга орошуп, эч ким көрбөс жерге алып барышып көмүшөт.

Суук кабар Силиг-оолдун аялын катуу кайгыртат. Ал күйөөсү үчүн Онло-Хая тоосуна жана Хулах-пай кыштоосуна чоң аш берген дешет. Бүгүнкү күнгө чейин Сарас өрөөнүндө Хулун-тебии – «жылкылар тебелеп, таптаган жер» Силиг-оолдун кайгысынан кабар бергенсийт. Байыркы бабалардын салты боюнча хакастар болгон төрт түлүктү аш болуп жаткан жерге айдап келишчү. Музоону – уйдан, кулунду – бээден, козуну – койдон ажыратканда миң сандаган малдын үнүнөн жер үстү солкулдап, дүңгүрөчү экен.57

Уламыштагы баяндалган окуялар XVII к. биринчи жарымындагы Кузнецк чыңдоосун (1618-ж.) кургандан кийинки мезгилдерди чагылдырышы мүмкүн. Кузнецкинин жанында Телеут жери жайгашканы маалым. Бул жердин калкы көбүн эсе ак калмактар деп аталышып, кыргыздар менен куда-сөөк болушканы маалым. Орто кылымдардагы түрк коомунда өз ара бийлик үчүн болгон күрөштө атаандашын жок кылуу үчүн ууланган шарапты пайдаланышкан. Силиг-оолдун жөнөкөй эмес өлүмү, анын тарыхый прототиби табышмак бойдон калууда.

Ожен-бег жөнүндөгү уламышта хакас эли үчүн өткөөл доордогу Хакасиянын Орусияга каратуу мезгилиндеги трагедиялуу тагдыры чагылдырылып көрсөтүлөт.

Санжыранын сюжети Кара жана Ак Июс дарыяларынын ортолугунда Таар-бег жана Оспа-бег (Ашпа-бег) аттуу эки кыргыз бир туугандар жашаптыр. Элди ашкан куу Таар-бег башкарат экен. Анын өзүнүн балдары болбогондуктан тактыга мураскорлукка атаандаш болгондордун көздөрүн тазалоону ойлойт. Таар-бег амалкөйлүк менен агасынын улуу баласын өлтүрүп салат. Оспа-бег бул кылмыштын жөн-жайын түшүнүп, инисинен өч алып, аны өлтүрүп салат. Жасаган кылмышы үчүн Таар-бегди жолдун ортосуна, өткөндөр сөөгүн тебелеп турсун деп көмүп коюшат. Ушундан соң Июс өрөөнүн жашы улгайып калган Оспа-бег сурап калат. Кийин тирүү калган кичүү уулу Ожен-бегке тактысын өткөрүп берет.58

Соңку орто кылымдарда Хакасия Моол-ханга (моңгол хандарынын жалпыланган аталышы) көз каранды абалда эле. Кыргыздар моңгол ханына салык төлөп турушчу. Ожен-бег улуу хандын сарайына барып, андан акимдик укугун алып келген экен. Ал бийликке келгенден соң өлкөнүн чегин кеңейтип, Ортолук Эне-Сай өрөөнүн толук баш ийдирген экен.

Ожен-бегдин согушта сыналган баатырлары болгон. Алар: Сүгүр Матыр чебер балыкчы, Хара-Матыр чебер ашпозчу, Хырна-Матыр – сынчы, саяпкер, Айдарах-Матыр – мергенчи ж.б. Алар чоюн денелүү, жеңилбес 40 алп баатыр эле. Чоролорунун башчысы – Тасха-Матыр, эң кенжеси – Көдечи-Матыр эле. Санжырада Тасха-Матыр жөнүндө кененирээк маалыматтар берилген. Беттешүүдө өзүнүн атаандашын өлтүргөндүгү үчүн, ошол мезгилдердеги баатырлардын шерти боюнча, бир топ жыл бою Эне-Сайдагы «иргегит» (иргейек) деген бою кыска адамдардын арасында жашап жүрүп, кийинчерээк ага кечирим берилип, Ожен-бегке кайрылып келиптир.

Тасха-Матыр жана Ожен-бег хакас музыкалык аспаптарын жараткандар катары да маалым Тасха-Матыр курман болгон атаандашын эстеп, эки кылдуу комузду (хак, хомыс), Ожен-бег жети кылдуу чатханды ойлоп табышкан экен. Ожен-бег өлгөндө анын аялы чатханды белгисиз бир үңкүргө катып, ошондон бул аспап хакастарга мурас катары калыптыр.59 Тасха-Матырдан музыкалык аспаптардын коштоосу менен үн чыгарып ырдоо, көмөкөй ырларын аткаруу башталат экен.

Катуу салгылашуудан соң оор жарадар болгон ТасхаМатыр Тасха-Матыр хаязы деген тоодогу үңкүрдө жашынып, жаратын дарылап жүрөт. Ожен-бег согуштан кийин Чулум дарыясына жакын Ханолыг-таг тоосунун арасында (Өчен-пиг-хаязы) деген жерде эс алчу экен. 1680-ж. тарыхый булактарда «орус кызмат адамдарынын» Еренак бег жетектеген кыргыздар менен Тагна Июстагы суусунда салгылашуулары эскерилет. Еренак-бектин казак-орустар менен болгон салгылашуусу топонимикалык аталыштарда сакталып калышы ыктымал.

Ожен-бег Моол ханынын (Моңгол ханы) кызына үйлөнүп, андан Кодис жана Чабыс (Чап, Шап) аттуу эки уулдуу болот. Күндөрдүн биринде кызганычтан улам чатак чыгып, аялын өлтүрүп коет экен. Аялынын ордуна мурдагы ойношуна үйлөнүп алат. Анын каарынан улуу баласы Кодис да жан таслим болот. Борбор Азиядагы хандардын ортосундагы үй-бүлөлүк келишим салттарын бузбоо үчүн кичүү уулуна моңгол ханзаада бийкечин алып берет. Бирок бул аракеттер да карама-каршылыктарды токтото албаганда, каны кызуу Ожен-бег өз кудасына, Моңгол ханына согуш жарыялайт. Согуш Алтайдан ары, Моңгол жергесинде болуп өтөт. Бул согушта Ожен-бег жана анын уулу Шап (Чабыс), нөкөрүнүн бүт дээрлиги курман болушат. Аман калгандардан Олбезек-Матыр бир аз гана жоокерлери менен өз жерине кайтып келишип, Оженбегтин өлгөнүн угузушат. Ушундан соң Ожен-бегтин улуу ээлиги кыйрай баштап, Кыргыз жери жетимсиреп калган эле. Шаптын (Чабыстын) жесиринин боюнда калган экен. Ал жоодон Марачылыг-тагдагы үңкүрдө жашынып калып, Чабындай жана Чабажак деген эки уул төрөйт. Алардан хакастардагы «кыргыз» уруусу тарайт.

Корутундулай келип, Ожен-бегтин жесиринин атактуу кошогунан үзүндү келтирсе болчудай. Анда өз башкаруучусу өлүп, бөтөн бийликтин үстөмдүгүндө калган элдин тагдыры жөнүндө кооптонуу саптары айтылган:

Карагат көздүү менин элим Эмне үчүн орус-казакка берилдиң?

Эгерде орус-казакка тапшырганың чындык болсо, Укугубузду мыйзам кагазына бекиттиңби? Сен жараткан баалуу кагаз, Негизи түбөлүктүү болсун!

Ожен-бегтен калган кара чачтуу элимди, Орус ханы кысымга албасын! Төрө пейил Хонгорай эли, Эмне үчүн орустарга берилдиң?

Эгерде оруска бизди тапшырганың чын болсо, Биздин укугубузду китепке мыйзамдаштырдыңбы? Эгерде биздин мыйзамыбызды китепке киргизсең, Эч качан ал унутулбасын!

Ожен-бегтен калган кара чачтуу элим,

Түбөлүк өз ата-журтунда жашашсын!60

Бул кошоктон улуттук баатырдын кайгылуу өлүмү менен Хакасиянын тарыхый тагдырынын байланышын көрүүгө болот. Оженбегтин өлүмүнөн кийин «карагат көздүү, кара чачтуу эл» Орусиянын курамына каратылып, Ак ханга (Ак падыша) салык төлөөчү букаралары болуп калышат.

Биздин иликтөөлөрүбүз боюнча хакас фольклордук каарман болгон Ожен-бегтин образынан белгилүү кыргыз журт башкаруучусу болгон Еренак Ишеевди билүүгө болот. Чындыгында, Еренакбектин Шап деген уулу болуп, алар Алтайдагы Чулышман дарыясынын жанында салгылашууда курман болушат. Еренактын бир эмес, бир нече аялдан балдары болушу мүмкүн. Анткени ошол салгылашта өзү менен кошо анын өгөй уулдары да каза болгондугу жөнүндө маалыматтар бар. Өчен-пиг (Уженпег) деген фольклордук ысым Еренактын мурдагы титулун баяндагансыйт. Буга анын мураскор уулу Хорчиндин документте «Унзен-тайши» деп аталышы күбө боло алары шексиз.61 Моңголдордун «тайши» (тайзханзаада) терминин түрктөрдүн бек (бег) деген титулу менен дал келерин айта кетүү зарыл. Кыргыз бектери яйзан-бахши, тарханяйзан, мерген-тайши, яйзан-кашка ж.б. титулдарды алып жүрүшкөн. XVII к. орус документтеринин биринде да «бег» деген түрк титулу кездешпейт. «Унзен» сөзү моңголдордун «эзен» (эжен) – падыша, император титулун аныкташы мүмкүн.62

Бирок, орто кылымдардагы фольклордук баатырлардын ысымдары XVII–XVIII кк. жазма булактарда чагылдырылган ысымдар менен өтө сейрек учурда дал келет. Деген менен бул иликтөөлөрүбүздө энчилүү ысымдар, титулдар, эл жашаган аймактар, окуялар конкреттүү тарыхый адамдардын ишмердиги жана фактылар менен дал келген сейрек кездешчү ийгиликке ээ болдук.

Еренак-бег (Ярнак, Яранак, Ереняк) Хонгорайды 1660–1687-жж. башкарган өтө көрүнүктүү мамлекеттик жетекчилерден болгон. Ал Алтысар беги Ишей-Мергендин экинчи уулу, князь Номчи бегтин небереси эле. Анын улуу агасы Айкан-Юрукту аманат туткун катары Москвада билим алып, Иван деген ат менен чокундурулган экен. Ал боярдын уулу катары Красноярга келип кызмат кылып, өзүнүн бир тууганы, кыргыз беги Еренакка каршы бир нече ирет аскердик жүрүш жасаган. Иван-Айкан орус бийликтери тарабынан чыккынчы катары да айыпталып, бирок ал өзүнүн күнөөлүү эмес экендигин далилдеп кутулуп чыккан.63 Айкандан Хакасиянын Соленоозерск деген жеринде жашаган казак-орус Айкановдордун тукумдары тарайт.

Еренактын Чагун, Хорчин, Шап аттуу үч уулу болгон экен. 1703-ж. сүргүндө Чагун Томскиде аманат катары кармалып, Сибирде калат. Чагундун тукумунан Чабыновдор, анын аталаш инисинен Аешиндердин тукуму тарайт.

XVII к. жунгар жана моңгол башкаруучулары кыргыздын айрым бектери менен куда-сөөк катары байланышта болушкан. Бизде Еренактын аялынын теги жөнүндө маалыматтар жок. Бирок, анын тайакеси Кочабай жунгар ханы Карагулунун бир тууган карындашы Абахайды аялдыкка алган.64 Мындай болгондо, Көчебайдын уулу Табун Карагулунун жээни, Жунгар хандыгын негиздеген Батыр-Контайшынын да жээни болуп чыгат. Мындан сырткары Батыр-Контайшы Алтысар-беги, жээни ИзенТайшинин уулун тарбиялоого алган. Бул маалыматты орус жазма булактары да тастыктайт.65

Борбор Азиянын аскердик-саясый кубаттуулугу жагынан теңтайлаш болгон мамлекет башчыларынын ортосундагы куда-сөөк байланыштардын башаты байыркы түрк дооруна барып такалат. Мисалы, биринчи кыргыз каганы Барс-бег түрк каганы Илтерестин кызына үйлөнгөн. Күлтегин Барс-бегти жана анын аскерлерин жеңгенден соң, бошогон тактыга Барс-бегтин уулдары, түрк каганынын жээндери олтурушу мүмкүн. Эне-Сай кыргыздарынын моңгол жана жунгар хандарынын кыздарына үйлөнүшү, кыргыздардын Борбор Азиянын саясый майданындагы ээлеген ордун тастыктары шексиз.

Еренак бег өтө каардуу, кара мүртөз, өжөр инсан болгон дешет. Чыккынчыларды өтө каардуу кыйноолорго алган, дарактарга кере байлап, казандагы кайнак сууга салып, көздөрүн оюп салууга ж.б.у.с. жазалоолорго буйрук берчү экен. Еренактын каардуу бийлиги астында бытыранды болгон кыргыз улустарын жана кыштым аймактарын «Хонгорай» этносаясый бирикмесине айланткан. XVII к. жазма булактар бул тыянакты бекемдейт. Еренак башкарган мезгилде орус жазма булактарында Хакасия Хонгорай деген ат менен белгилүү боло баштайт. 1666-ж. Краснояр воеводасынын катында «князь Еренак Кыргыздагы Конгурайда көчүп жүрөт» деп жазат.66 Бул жазма булакта «Кыргыз жери» (б.а. Хакасия) деген орусча аталыштын жергиликтүү «Конгурай» деген ат менен дал келерин байкоого болот.

Ожен-бег башкарып турган мезгил Хонгорай моңголжунгар хандарына вассалдык көз каранды абалында болуп, жыл сайын аң тери түрүндө салык төлөп турушчу. Борбор Азиянын көчмөн мамлекеттеринин башчылары расмий түрдө «хан» деген титулду алышкан. Ожен-бег жөнүндөгү санжыралык маалыматтарга караганда, Кыргыз жеринин башкаруучусу «бег» (пиг) деген титулга ээ болуп, моңгол-жунгар хандарына (пиглер пазы Моол-хан) моюн сунуп турушкан.

Хонгорайда өзүнүн ханы болгон эмес, бирок айрым булактарда Ожен-бег кыргыз ханы (хыргыс хан) деп аталат.

Хакастардын тарыхый фольклору орто кылымдардагы Эне-Сай кыргыздарынын коомунун социалдык-таптык структурасы боюнча айрым маалыматтарды берет. Көп сандаган малга ээлик кылган, көз каранды калк болгон кыштымдардын (кизек маллыг, кистем чонныг) башында турган башкаруучу таптын өкүлдөрү «бег», «тайжы», «чайзан» деп аталышкан. Бул титулдарды кыргыздар моңгол доорунда моңгол тилинен кабыл алышкан.

Чайзандардын ичинен кыргыз улустарынын жетекчилери (түркчө «бек») шайланышкан. Еренак Алтысар улусунун беги болгон. «Мен кыргыздардын башкаруучусумун», – деп айткан экен Еренак. Тарыхый фольклордогу маалыматтарга караганда Оженбег түмөн башчысы (тубен пазы) болгон, мындан XVII–XVIII кк. Хонгорайдын моңгол-жунгар хандыктарынын түмөнү абалында турган деген тыянакка келүүгө болот.

Бектерге аскер сословиесине кирген баатырлар (матыр) баш ийген. Баатырлардан куралган кошуун бек бийлигинин таянычы эле. Ожен-бег жөнүндө санжырада ар бир бекте 40 баатыр болгондугун баяндайт. Согуш аракеттери башталган учурда баатырлар өз кошуундарын жетектеп чыгышчу. Мындай аскердик система Кыргыз каганатынын мезгилинен белгилүү болуп, Хонгорай Орусияга каратылганга чейин жашаганы маалым. XVII к. орус документтери баатырларды «кызмат адамдарынын» даражасына теңейт. Баатырлардын сословиесине таянган кыргыз бектери улуттук адамдардын жана кыштымдардын үстүнөн бийликти кармап турушкан. Хонгорайдын аскерлери (сири) атчандар бөлүктөрүнө – «хурчагилерге», алар өз кезегинде атайын топторго (курсы) ажырашчу. Согуш аракеттери башталар алды аскерлер сапка тизилип, оң, сол канаттар, борбордук аскерлер болуп бөлүнүшө турган. Беттешүү башталганда оң, сол канаттар биригип, душманды борбор аскерлери тарапка кысышып курчоого алышчу. Аскерлердин жогорудагыдай ыкмадагы тизилиши түрк-моңгол коомдоруна таандык болуп, башаты байыркы жамааттык аң уулоо ыкмасына барып такалат. Тарыхчы Н. Кузьмин Еренак бегти «кайрат-күчү ташкындаган, күжүрмөн демилгечил инсан» деп жазган.67 Ал жыйырма жылдан ашык убакыт бою Красноярск, Ачинск, Кузнецк, Томск, Енисейск, Нижнеудинск жана көптөгөн башка орус кыштактарына коркунуч туудуруп турган. Еренактын бүткүл күч-аракети Хонгорайдын Түштүк Сибирдеги ээлеген ордун сактап турууга жумшалган. Бул мезгилде Кыргыз улустарынын чектерин жаңы кошуна болуп калган Орусия менен белгилөөнүн татаал маселелери бар эле. Еренак кыргыздардын экономикалык кубаттуулугун камсыз кылып турган кыштымдардын жерлерин өзгөчө өжөрдүк менен коргогон. Еренак бег тышкы саясатында антиорусиялык тургуда болуп, көбүн эсе Жунгариянын колдоосуна ыктаган.

1667-жылы Хонгорай Жунгар ханынын вассалы болуп, Сенге Тайша өзүнүн бийлигин күчөтөт. Ушул жылдан баштап Жунгариянын жетекчилери кыргыз бектерине башкаруу үчүн буйрук кагаздарын бере башташкан эле. Мисалы, XVII к. аягында Галдан Бошокту хан «өзүнүн ээлигин башкарууга» Туба улусунун беги Шандыга буйрук кат жазып берген.68 Контайшынын уруксатысыз кыргыздар орус бийликтерине туткундарды, качкындарды беришкен эмес.

Еренак-бег мүмкүн, Жунгар ханынын абдан таасирлүү, жакын адамдарынан болсо керек. Ал жунгарлардын жардамы менен орус чыңдоолоруна чабуул жасап турган. Еренактын атчан аскерлери капысынан Кузнецкиде, бирде Каняк чыңдоолорунун айланасында пайда болуп турушкан. Кыргыз атчандарынын өтө ылдамдык менен жүрүүсү алардын жеңил куралдануусу менен байланыштуу болгон.

Өзгөчө, орустар көп келип, ургаалдуу түрдө отурукташып жаткан орус кыштактарына тез-тез сокку урулуп турган. Сенге-Тайша менен Еренак тарабынан 1667-жылы Красноярскиге жасалган чабуулда казак-орустар үчүн оор жоготууларды алып келген. 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган (39 адам өлгөн, 203 адам жарадар болуп, 49 туткун алынган) 69 Еренак орус чыңдоолорунун курулушу менен өтө зор коркунучтун келип чыгарын көрөгөчтүк менен түшүнгөн. Орус бийликтерине: «Эгерде Абаканга чыңдоо курсаңар, анда биз өз жерибизди акыркы балабызга чейин коргоого даярбыз», – деп билдирүү жасаган экен.70

1675-ж. Красноярдык казак-орустар Кыргыз жеринин так ортосуна, Абакан дарыясынын куймасындагы Тагар аралына чыңдоо салышат. Еренак бул курулушту курчоого алып, өрттөп жиберет. Андан кийин Еренак Ачин жана Кан чыңдоолорун талкалап салат.

Ал Орусиялык тууларды, аскер замбиректерин олжо катары колго түшүрүп алган. Еренактын саясый ишмердүүлүгү жөнүндө иликтөөчүлөр бирдей пикирлерди айтышпайт. А. П. Потапов жана В. А. Александров: «Иренак каракчылык идеологиянын, талаа феодалынын көрүнүктүү өкүлү болгон; ал өзүнүн жигердүүлүгүн кыштымдарга чексиз бийлик жүргүзүп, талап-тоноо иштерине арнаган», – деп жазышат.71 Биздин пикирибиз боюнча, Еренактын жогорудагы саясый портретине, анын ишмердүүлүгүнө карата айтылган пикир чындыкка коошпойт. Мындан, биз Еренак тарабынан коргонуу үчүн согуштук аракеттери болгондугун билүүбүз зарыл. Мисалы, ал 1682-жылы өзүнүн орус падышасына жөнөткөн катында «согуш кыргыздар тарабынан чыккан жок, сенин адамдарың өз аскерлери менен биздин жерге кирип келишип, чыңдоо тургузушканы жатканда, биз аларга каршы түп көтөрүлдүк» деп жазган.72

Кыргыздар орус, моңгол, жунгар мамлекеттеринин ортолугунда өтө ыңгайсыз, кыйын абалда калышкан эле. Еренак бег тышкы саясатта Жунгар ханына таянган. Ал: «Бушухту-хан кыргыздарды жана алардын жерин эч кимге бербейт», – деп айтканын орус булактары жазат73. Бирок ал бул ирет жаңылып калган эле.

XVIII к. экинчи жарымында Цинь империясы моңгол хандыктарын баш ийдирген эле. Борбор Азияда биротоло үстөмдүгүн орнотуу максатында Цинь империясы моңголдорду жунгарларга каршы тукурган. 1687-ж. моңголдор менен согушта жунгар ханы Галдан Бошокту-хан Хонгорайдан толуктоолор үчүн аскер чакырат. Еренак бег өзүнүн кошууну менен Алтайдагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакындап келгенде, дал ушул жерде трагедиялуу окуялар болуп өтөт.

Хонгорайдан Телец көлүнө чейин кыргыз аскерлери беш күн жол жүрүшкөн. Еренактын колу 600 адамды түзгөн. Чулушман дарыясынын өрөөнүндө Эрдене Контайзи башында турган моңголдор буктурма коюп тосуп алышкан. Беттешүү учурунда 300дөн ашуун кыргыз жоокери, анын ичинен Алтыр улусунан 150 адам курман болушат. Алтыр улусунун жоокерлери Таин-Иркенин жетекчилиги менен Еренактын артынан аттанып чыгышкан эле. Бирок, алар беттешүү болуп өткөн жерге кечигип калышкан болучу. Жунгариянын тарыхында көп деле байкалбай калган бул согушта халхастыктар жеңишке жетишкен. Бул «кара калмактар менен болгон кармашууда, 5 миң саяндар, кыргыздар, 2 миң моңгол аскерлери набыт болгон.74 Согуш талаасында Еренак, кичүү уулу Шап, эки өгөй уулу курман болушат.75 1688-ж. алтай жүрүшүнө катышкан кызылдык жасоол Откул орус бийликтерине «моңголдор менен беттешүүдөн кийин Кыргыз жерине 30дай гана адам кайтып келди» деп кабар айтат.76

Чулушман өрөөнүнүн теленгиттеринде азыр да кыргыздын улуу баатыры Еренак жөнүндө уламыштар белгилүү. Еренактын сөөгү Башкаус жана Чулушман суулары кошулган жерге коюлган.77 Алтай санжыралары боюнча Еренак ак-көбөк уруусунун жетекчиси болгон. Томскилик

(Том-тура) жана Кузнецкилик (Аба-тура) казактардан жеңилгенден соң, Еренак Конгырай-Сангырай деген ата журтун таштап, Телес көлүнө көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Азыр да Чулушман жана Ясатыр аймактарда эски замандарда ах көбөк элинин күлүк кула жылкылары жана Конгырайда кеңири жайыттары болгон деген ырлар ырдалары маалым.

Еренактын элеси хакас элинин эсинде улуу инсан катары сакталып калды жана анын Ожен-бег деген титулу да түрдүү маанилерде айтылары маалым. Ага өз элинин чыныгы уулу, улуттук баатыры деген аты анык берилген. Хакастар өз тарыхындагы өзгөчө доорду Ожен-бегдин (Очен пиг тузы) доорун – этникалык жалпылыктын калыптанган мезгили катары өзгөчө бөлүп көрсөтүшөт.

«Ожен-бег» жөнүндөгү уламыш, өтө кеңири таралган музыкалык аспап – чатхан (чадыган) жана аны аткаруунун ыкмасы, баатырдык эпосторду көмөкөй менен ырдоо салты (хай) кыргыздардан калган мурас экендигин баяндайт. Көмөкөй ыры – хай хакастардын ырларынын аткарылышындагы мүнөздүү көрүнүш, ал сөзсүз түрдө чатхандын коштоосунда аткарылат. Фольклордук чыгармаларды аткаруунун мындай ыгы Саян-Алтайдын башка түрк элдерине да мүнөздүү, өзгөчө алардын ичинен тувалыктардын көп түрдүү добуш менен аткарылчу көмөкөй ыры – хомеей өзгөчө айырмаланып турат.78 Орустун эски келгиндери – чалдондор хакастар менен кошуна болуп 250 жыл жашаганы менен бул искусствону кабыл алышпады. Орус адабиятында көмөкөй ыры жөнүндө оболку ирет 1831-жылы И. Пестовдун ырларында айтылат.79

Профессор Б. И. Татаринцев Саян-Алтай түрктөрүнө таандык көмөкөй ырларынын феноменин кечирээк мезгилде, XVI–XVIII кк. этностордун калыптанышы менен кошо жаралган деген пикир айтат.80 Бир үндүү каргылданган добуш менен аткарылган хакас хайы ыр маданиятынын өзгөчөлөнгөн хонгорайлык очогу бар экендигин аныктаары шексиз. Музыкалык аспаптар эң алгач Конгырай-Сагай өлкөсүндө жаралганын жана Тоолуу Шорияга Хыргыс-Хоорайдан келген хай дух-колдоочу пайда болгондугун баяндаган алтай мифтери мунун кыйыр түрдөгү далили боло алат.81

Хакастардын чатхандын коштоосу менен аткарылган көмөкөй ырлары Хонгорай этносаясый бирикмеси түзүлгөн мезгилде пайда болгон баатырдык эпостор менен ажырагыс байланышта. Мисалы, алыптык-нымактарда: «Жер жарала баштаганда, алгач жумшак жез пайда болду, Алтай тоолорунда, Ак-Суунун жээктеринде сансыз мал жайылып, ал жерде Хонгорайдын асылзат эли жашайт»,– деп айтылат.82

Хайлар оболу касиеттүү бир ыйык нерсени түшүндүрүп, мифте айтылгандай хакастардын бабалары келип чыккан тоо ээси – таг-ээзи менен баарлашуунун каражаты болгон экен. Тоо ээлери көзгө көрүнбөй жомокчу-хайчынын жанына топтолушуп, кубулжуган укмуштуу көмөкөй үндөрүн, анын поэтикалык сөздөрүн жана музыкалык ыр-күүлөрдү тамшана угушкан имиш. Хайдын пайда болушу Кыргыз мамлекетинин (VI–XIII кк.) алгачкы доору менен байланыштуу болсо керек, ал зарыл учурда жоо менен беттешкенде хайлардын табышмактуу көмөкөй үнү душманга психологиялык таасир этүүнүн куралы катары пайдаланышы да ыктымал.

Ожен-бег жөнүндөгү уламыштардын тобуна Абакан өрөөнүндөгү белтир жана сагайлардын ичинде айтылып келе жаткан Тайым-Ирке жөнүндөгү кип-чоох кирет.

Аталган фольклордук чыгарманын сюжети боюнча Аскиз дарыясынын куймасы ченде Саасхан-чайзан деген бек жашаптыр. Бийлик үчүн болгон күрөштө ал өз бир тууганын өлтүрүп коёт. Бирок анын Тайым-Ирке деген уулу тирүү калат. Эр жетип чоңойгондо Ожен-бег аны моңгол ханынын кызына үйлөнтүп, экөө бажа болуп калышат. Улгайып калган Саасхан-чайзан өз бир тууганынын уулу – Тайым-Иркени да өлтүрүп коет. Тайым-Иркенин аялы Моңголияга качып кетүүгө үлгүрөт. Жолдо ал көз жарып, уул төрөйт, ал болсо эр жигит болуп чоңойгондо Саасхан-чайзандан өч алып, аны кыйнап өлтүргөн дешет (Чиргм тамырлары, 62–67-беттер).

Бизде Тайым-Ирке сыяктуу фольклордук каармандын тарыхый окуялардын персонаждары менен толук дал келгендигин ырастаган далилдер бар. Чындыгында эле, Тайым-Ирке бег XVII к. экинчи жарымында Аскиз дарыясынын чатында жашап, Алтыр улусун жетектеген. Ал Еренак Ишеевдин жолун уланткан Талайдын уулу болгон, улусту 1670–1690-жж. башкарган. Хакасиянын калкы 1703-жылы сүрүлгөндө анын уулу Таңгыт-Багуртайша өзүнүн кыргыз букаралары менен кошо Жунгарияга кеткен.

Ожен-бегдин мезгилинде Төй өрөөнүндөгү Типр-Пурну тоолорунун этегинде жети бөрү (чип пуур) уруусунун башында Сурхуюк (Сурхуюк) аттуу каардуу киши турган экен. Ал өзүнүн уруусунан салык жыйнап, Абакан өрөөнүндөгү Саар-Паар тоосунун этек-жакасында жашаган Оженбегке алып барып турчу дешет. Салык алып келгендерге Хонгорайдын жетекчиси чоң сый тамак уюштурчу экен.

Сурхуюхтун жети аялынан 40 уулу болуптур. Улуу байбичеси бир кыз, Кирби-оол, Ирми-оол аттуу эки уулун тарбиялап өстүрөт. Сурхуюх балык кармаганды, аң уулоону жакшы көрчү экен. Анын негизги жеген тамагы балык, аң эти, жылан жана кескелдирик болуптур. Аны өтө балбан киши болгон дешет. Типр Пурну тоосунда ал көтөргөн салмагы 20 пуд келген «Сурхуюх тазы» ушул күнгө чейин жатыптыр.

Ожен-бегдин Сыгда жана Сиби деген эки уулу болуптур. Алардын бири Сурхуюхтун кызына үйлөнүүнү чечет. Сурхуюх өзүнүн жалгыз кызын күйөөгө бергиси келбей, келе жаткан күйөө бала менен жуучуларды жолдо өлтүрмөккө Хусхун-Хаяда буктурмада жатат. Бирок, ал жолдо келе жаткан бир туугандардын мергендигине аңтаң калган экен. Бул учурда бир туугандар жолдо пихта дарактарынын башындагы тобурчактарды жебе менен түшүрө атып келе жатышкан имиш. Муну көргөн Сурхуюхтун дымагы сууп, жуучулар менен бир туугандарды ак пейили менен тосуп алып, аларды үч күн коноктойт. Дасторконго жылаандын куурулган этин коёт экен. Бир туугандар: «Биз атабыз Ожен-бегдин үйүндө эч качан мындай майлуу балык жеген эмеспиз», – деп тамшанышыптыр. Сурхуюхтун кызы жана Ожен-бегдин бир уулунан бүгүнкү хакастардын «хыргыс» уругу тарайт.

Күндөрдүн биринде Сорхуюх Типр-Пурну тоосунда калтар түлкүнү көрүп калат. Ал уулдары Кирби-оол менен Ирби-оолду калтар түлкүнү атып, терисин алып келгиле, алып келбесеңер жазаңарды берем – дейт. Бир туугандар лыжа менен Чымыр-Хая тоосуна чейин түлкүнүн артынан кууп барышат. Жолдо Кирбиоолдун лыжасы сынып, артта калат. Ирми-оол өзү жалгыз кууп кетет. Ал Юта дарыясына жакындап келгенде түлкүнү кууп жетип, атып алат. Сорхуюх алардын артынан келе жатып, лыжасы сынган Кирби-оолду көрүп, ачууланып жаа менен атып, өлтүрүп коёт экен. Атасы уулун атып өлтүргөн жер азыр да «Кирби» деп аталат. Ирми-оол өз баласын өлтүргөн канкор атасын жек көрүп калат. Күндөрдүн биринде аң уулоого чогуу чыгышканда уулуна катуу талап коёт: «Чыныгы мергенчи бир күндө үч элик атат. Эгер бул талапты аткарбасаң көзүмө көрүнбөй жогол!» – дегенде, Ирмиоол атасына: «Эгер сен үч элик ата албасаң эмне болот?» – дептир. Эрдемсинип, өзүнө өтө ишенген Сорхуюх: «Мен ар дайым коюлган талапты аткарам!» – деп жооп бериптир. Мелдеште ата-бала өздөрү аң уулоочу багыттарга басып кетишет. Бир күндө Кирмиоол үч, атасы эки элик атып алышат. Мелдеште уткан Ирми-оол атасына атып алынган аңды Типр-Пурну тоосуна алып баргын деп айтат. Ошол ыйык тоонун чокусунда сан жетпес кылмыш жасаган атасын соттойт. Ошентип, Ирми-оол өз атасын өлүм жазасына өкүм кылган экен.83 Аталар менен балдардын ортосундагы мындай ырайымсыз мамилени баяндаган уламыш эл үстүнөн бийлик үчүн болгон күрөштү да чагылдырышы мүмкүн.

Хакастарда иргит уругунан чыккан Сыгда жана Сиби аттуу бир туугандар жөнүндө уламыштар өтө кеңири тараган. Ожен-бег бийлеген мезгилде иргиттердин өргөөсү АкИюс дарыясынын жогорку агымындагы Хаспар суусунун боюнан орун алган Ханаспай башкарган экен. Күндөрдүн биринде Хонхорайга моңгол ханы Хара-Мотегей башкарган моңгол аскерлери каптап кирип, элди Чайларыг деген жерге топтоп, кары-картаңдарды кылычтап, калгандарын Алтайдан ары айдаган экен. Жолдо моңголдор сүрүлгөн элдин санын улам эсептеп туруу үчүн эркектерге сака таш таштатышкан экен. Аялдар бул эсепке кирген эмес. Уйбат түздүгүндөгү Хойза дарыясынын боюнда үйүлгөн таш дөбө «ооба» (кырг. «обоо») турат. Ханаспайдын аялы МанаИней күйөөсү менен акылдашып, түнү качып кетет экен. Арадан убакыт өтүп Мана-Иней Сыгда жана Сыбы деген эгиз балдарды төрөйт. Бул тоо азыр да Манатуган-тасхыл деп айтылып келет. Болочок баатырлар чоңойгон жерде аккан суу Иней-Суг «Эне-Суу» деген ат менен белгилүү. Мана-Иней эки наристесин алып, Уйбат тоосун ашып, Иней дарыясына жетет. Ал Тоорат-Кичин ашуусундагы үңкүрдө жашоону чечет. Ханаспайдын аялы дарыядагы балыкты, түрдүү чөптөрдүн тамырларын жеп балдарын багат экен. Анын «озоп» (кырг. «өзүп») деген темир күрөгү Иней-хуюзы үңкүрүнүн жанындагы кызыл карагайда азыр да илинип турганы маалым.

Сыгда менен Сыбы баатыр болуп эр жетишет. Алар аң уулоо менен күн көрүшөт экен. Күндөрдүн биринде чытырман токойдун ичинен жүнү сапсайган, тырмактары узун, оозу аңырдай чоң жырткычты көрүп калышат. Алар (Сыбы) жаа менен тайганын ээсин атып салышканда Мана-Иней атып алынган аңды көрүп: «Баарын көрүп, билип турган өз чоң атаңарды өлтүргөн турбайсыңарбы. Болоор иш болгондон соң, эми «Аба-той» – аюу тоюн өткөзүү керек, болбосо бизге тайга ичинде жашаган бир туугандар нааразы болушат. Аюу тайгага кеткен биздин бабабыз болот!» деп калтырап коркот. Мана-Инейдин уулдары өлтүрүлгөн аюунун кара ашын өткөзүшүп: «Биздин атабыз өлдү!» – деп айтышат. Ошол күнкү окуядан баштап Сыгда менен Сыбы чыныгы эрлер болуп калышат.

Мана-Иней көзү ачык, келечекти алдын-ала айта билчү касиетке ээ болгон экен. Ал аюунун далы сөөгүнөн өз элинин тагдыры жөнүндө төлгө салат. Төлгө Ак-Июс суусунун этектеринде жашынып жүргөн июс-сагай, хызыл-сагай уруктары жашайт деген аян берет. Энесинин кеңеши боюнча Сыгда менен Сыбы бөлүнүп, чачыраган уруктардын адамдарын бир элге жыйнашат. Томь тараптан аларга том-сагайлар келип кошулушат. Мындан сырткары, бир туугандардын элине Ожен-бегдин Куяс өрөөнүндө жашынып жашап жүрүшкөн Тагынах-Матыр менен Куяс баатырлар кошулушат. Алар Өленг-Сын деген тоолуу аймакты мекендеп калышат.

Моңгол ханы Хара-Мотегейге тоолуу жерди мекендеп жатышкан бир туугандар Сыгда менен Сыбы жөнүндө кабар жетет. Ал бул элдин калгандарын кырып салгыла деп аскер жөнөтөт. Бул мезгилде Сыгда менен Сыбы Сыгым-тасхыл деген тоодо аң уулап жүрүшүп, чоочун атчандардын келе жатканын көрүп калышат. Мана-Иней аюунун далы сөөгүнө төлгө салып, жоонун жакындап калганын көрөт экен. Көзгө атаар иргит мергенчилери Хахпан дарыясынын жанына буктурма уюштурушуп, темир соот кийген моңголдорду моюнга жаа менен атышып, кырып салышат.

Бул окуядан соң Хара-Мотегей хан Хонгорайга өзүнүн Паламор-кам деген тогуз баптуу шаманын чалгынга жөнөтөт. Сыгда, Сыбы менен энеси учуп келе жаткан Паламор-камды көрүп калышат да, жаанын огу менен шаманды атып түшүрүшөт.

Андан соң, Хара-Мотегей эч кимдин алы жетпеген бир туугандарга каршы өзү жүрүшкө чыгат. Ал аскерлери менен Хонгорайга келип, Хара-Сын тоосуна бугуп жатып калат. Сыгда менен Сыбы Хызыл-Хая тоосундагы сепилге жашынышып, таамай аткан октору менен тоого бүлгүн салышат. Хара-Мотегей элчилери аркылуу бир туугандарды жаа атуу боюнча мелдешке чакырат. Алар өз ара макулдашууларга ылайык Харо дарыясынын жанындагы бейтарап жерде жайылып жүргөн эликтерди атууну чечишет. Бир күндүн ичинде моңгол мергендери аткан кайберендердин өлүгү тоодой болуп үйүлөт. Сыгда менен Сыбы болсо ар бири бир куржундан эликтердин жебе менен атып түшүрүлгөн кулактарын гана алып келишет, анткени бир туугандар жаныбарлардын бөөдө кырылышын каалашкан эмес эле. Санакта бир туугандардын моңгол мергенчилерине салыштырмалуу бир нече эсе көп аткандыгы аныкталганда, Хара-Мотегей хан алардын көзгө атар мергендигине жана айкөлдүгүнө өтө ыраазы болот. Ал кыргыз жерине мындан ары согуш менен келбеймин деп убада берип, бир туугандардын үстүнө алтын жип менен тигилген сый чапан жаап, жээрде аргымактарды тартуу кылат. Ошол мезгилден бери тарта Сыгда менен Сыбынын тукумдары болгон иргиттерге сары түстүү кийим кийүүгө жана жээрде ат минүүгө тыюу салыныптыр. Анткени бул түстөр моңголдор ыйык туткан символдор болуп саналат экен, муну менен иргиттер моңголдорго карата болгон урматтоо мамилесин билдиришкен имиш.

Моңгол ханы менен жарашкан соң, Сыгда менен Сыбы өз элин токойдон алып чыгып, Абакан өрөөнүндөгү Оженбегдин мурдагы ээлигине көчүп келишип, орус букаралыгына өтүшөт. Көрөр күнү, ичер суусу түгөнгөн атактуу бир туугандардын жандары Кузнецк Ала-Тоосундагы тоо ээлери менен жуурулушуп кетишкен дешет. Хакастар акыр заман күнү Сыгда менен Сыбы кайра келишип, Хонгорайдын мурдагы кубаттуулугун калыбына келтиришет деп ишенишет84.

«Сыгда менен Сыбы» уламышында байыркы элди сактап калган даңктуу аялдын эрдиги баяндалат. 1703-ж. манжур сүргүнүнөн аман калган элдин айрым бөлүктөрүнүн биригүүчү жерлери Уленнiгсын деген тоонун айланасы болушу ыктымал. Тарыхый фольклордун маалыматтарында хакастардын жерине Моңголия менен Жунгария 1703-ж. окуялардан кийин да, үстөмдүк кылууга бир нече ондогон жылдар бою умтула беришкендиги ырасталат; муну абройлуу окумуштуулардын иликтөөлөрүндө айтылган 1727-ж. түзүлгөн Хахас-Минусин аймагынын Орусияга кошулушун мыйзамдаштырган Кяхта келишими да ырастап турат. Сыгда менен Сыбынын башкы душманы моңгол ханы Хора-Мотегей болгон. Хакас фольклорундагы Хара-Мотегей хандын образын Сибельдей деген мастен жана Үзүт-хандын кенже уулу менен байланыштырышат85. Фольклордук уламыш элди Жунгарияга туткундап сүргөн, мурдагы ойрот ханы Цэван-Рабданды терс каарман катарында карайт. Айрым учурда тарыхый фольклордо Цэван-Рабдандын ысмы катары Жунгар хандыгынын жетекчилери алып жүргөн контайша (хондайчы, кбндейчi) титулу колдонулат.

Хакастарда орустарга каршы күрөштө даңкы чыккан Ханзабег баатыр жөнүндөгү уламыш кеңири белгилүү. Уламыш боюнча Ханза-бег Июс талаасында төрөлгөн экен. Башка бир варианттарда Урюп дарыясы тараптагы Суген-хая тоосунда жарык дүйнөгө келгендиги баяндалат. Ханза-бег Ожен-бегден кийин, Орусия Түштүк Сибирди каратып алып жаткан мезгилде жашаган экен. Ал өзү тектүү жерден чыгып, бул күрөштө кызылдар уруусун жетектейт.85 (Ал «кызылдарда падыша катары болгон»85). Анын уруусу орустарга моюн сунгандан соң, көбөйгөн оор салыкка нараазы болуп, көтөрүлүш чыгарган элди жетектейт. Шарыпов районундагы Усть-Парная кыштагынын жанындагы Каиш (Хайыс таг) тоосунун жанында Томск воеводасы менен жекеме-жеке чыгып, анын желкесинен кайыш алган имиш.

Ханза-бег мыкты жигиттерден кол топтоп, жоонун тынчын алып, кол сала баштайт. Анын эң жакын, ишенимдүү жолдоштору Хагдыгас менен Тикчегес (башка бир варианттарда: Хатхынах жана Кегдегей; Хангаях жана Тингейек) болгон. Тынчы жок жерге томскилик воевода каршы аскер жөнөтөт. Ханза-бег казак-орустар менен Урюп дарыясынын жанынан беттешет. Анын жармач куралданган жоокерлери мыкты куралы бар казак-орустарга туруштук бере албайт. Ханза-бег аскерлеринин калдыгы менен Тегир-Көл тарапка чегинип, Свалик (Свеелш) тоосуна келет. Бул жерден да жеңилип, Томь дарыясынан жогору карай Кузнецк тайгасына чегинет. Ушул аймактагы Кизел-Тасхыл тоосунда дары булак, ага жанаша жайгашкан Киргилик-тасхыл тоосунда дары-чөптөр бар экен. Ханза-бег дары булак жана чөптөр менен согушта алган жаратын дарылагандыгы баяндалат. Андан соң, Ханза-бег Сыр тайгасындагы Хазоях тоосуна жашынып, түнкүсүн орус аскерлерине кол салып, талкалайт. Бул орус бийликтерин жаңы кошумча чараларды көрүүгө түртөт. Томскилик воевода Ханза-бегдин жолдошторун (айрым варианттарда орус жолдошу Ошаровду) сатып алып, ага арак берип мас кылып туруп, колго түшүрүүгө көрсөтмө беришет. Анын саткын жолдоштору макул болушат. Аракты көп ичкен Ханза-бег «Түн ортосунда туулган жумуртка эртең менен тез учкан кушка айлансын! Түмөндүн башчысы Ханза-бег түнкү желмогузга айлансын!» – деп ырдайт.

Эс учун билбей, уктап калганда Ханза-бегтин колу-бутун байлап, салга жүктөп, Томскиге (айрым варианттарда Красноярскиге) алып келишет. Ханза-бег эсине келип кайгылуу ырдайт экен: «Кимдин токулган атка мингиси келбесин? Кимдин мас болгон эрди туткундагысы келбесин? Тизгиндүү атка кимдин мингиси келбесин? Эс-учунан айрылган мас эрди ким байлап албасын?»

Салга олтургузуп алынып келинген Ханза-бегти воевода түрмөгө салат. Ханза-бег абакта олтуруп ыр чыгарыптыр: «Орус ханы жасаган кара боз үйдүн түндүгү чуштугуй экен! Ак хан тарабынан курулган таш абактын шыбы боз үйдүн түндүгүн элестетет экен!»

Акырында Ханза бегти кабыргасынан шиш илгичке асып, өлтүрүшөт. Кабыргасынан илинген Ханза-бег «Ак хандын колу катуу экен! Ал омурткамды сыздатты! Казак-орустун темир шиши кабыргамды тешип, жанымды сыздатты!» – деп ырдаптыр.

Ханза-бегтин өлүмүн көп сандаган казак-орустар сонуркап көргөнү келишет. Воеводанын уулу Ханза-бегке өтө жакындап басып келгенде, Ханза-бег башын ийип, анын жакасындагы коло түймөсүн тиштеп үзүп алып, ошол түймө менен воеводанын баласынын башына үйлөп жибергенде, ал анын башын тешип кетет экен. Ошондо Ханза-бег «Аркы дүйнөгө барганда башыма жаздык болорсуң! Аркы дүйнөдө мен төшөнчү төшөк болорсуң!» – деп ырдайт. Денесинин ооруганына чыдабай, өлөр алдында: «Чаты жок дарыя акпайт, тадар элинде эми башчы болбойт! Дарак кабыксыз өспөйт, тадар элинде мындан ары хан болбойт!» – деп айткан экен. Анын сөөгү ошол иймек темирде кузгундар чокуп жеп кеткиче, үч күн асылып турган дешет.

Ханза-бег өлгөндөн соң орус бийликтери хакастарды орус падышасына ант берүүгө мажбур кылышат. Бул «саамалыкка» воевода өзү катышып, мылтыктын найзасына нанды сайып туруп: «Эгер Ак хандан башка хан жөнүндө ойлосом, анда ушул найзага сайылып өлөйүн!» – дедиртип, найзанын учундагы нанды тиштетип, ант алган экен.88

Азыркы учурда бир да санжырачы бул маалыматты толук биле бербейт. Хакастар учурда негизинен Ханзабегтин салга байланып, жазага алынып кетип жаткан ырын гана жакшы билишет.

Ханза бегтин (Канза-Пий) тарыхый ырлары бачаттык, томдук телеуттарда жана төмөнкү мрасстык шорлордо да белгилүү89. Ал бардык жерде орус бийликтеринен жергиликтүү калкты коргогон баатыр катары айтылат. Бул маселеде фольклордук каарман Саян-Алтайдын элдеринде болуп өткөн тарыхый окуяларды чагылдырат. Бул образдын тарыхый прототиби азыркы учурга чейин тактала элек. Ханза-бег жалпыланган каармандын образыбы же чыныгы болгон кишиби, белгисиз.90

Телеуттарды изилдеп келген таанымал окумуштуу А. П. Уманский Ханза-бийден Манзу Бойдонов деген жунгар салык жыйноочусун көрөт. Бул салыкчы 1718–1720жж. Кондом жана Мрасс волостторунан өтө мыкаачылык менен алым чогултуп алган. А. П. Уманскийдин божомолу этнограф ДФунк тарабынан да колдоого алынган: «КанзаПийдин ролуна моңгол тайшасы Манзу Бойдонов көбүрөөк дал келет».91

Биздин пикирибизде мындай тыянакка толук макул болууга негиз жок.

Мында айтылган Манза деген адам ысмы Ханза сөзү менен такыр дал келбейт. Мындан сырткары, Ханза-бег жөнүндө уламыш кеңири тараган Хакасиянын түндүгүндө жогоруда аталган салык жыйноочу дегеле болгон эмес. Алтай элинин тарыхый этнографиясын иликтөө көрсөткөндөй Манзу (Манжи) Бойдондун уулу, Сакылдын небереси, Куланын (Куладай) чөбөрөсү болгон, ал XVII к. башы ченде Эртиш тарапта жашаган деген пикир басымдуулук кылат. Бул жерлер аркылуу ойрот хандарынын чеги өтүп, анда чорос уруусунун ээлиги жайгашкан. Князь Манзу Бойдоновдун адамдары XVIII к. орто чениндеги трагедиялуу окуялардан кийин, тодош чайзанынын отогуна киришип, манди-тодош уругун түзүшкөн.

ХакНИИЯЛИнин кол жазмалар фондунда Ханза-бегдин укумтукуму жөнүндө, шуш уругуна кирген Кучелаевдерди таптык92. Чындыгында эле, 1705–1708-жж. кызылдарда орус айылдарына жортуул жасаган шуй татарлары Канзачак Уханаков жана Кучелай Тайбукиндер жетектеген кошуун болгон. Орус документтеринде Канзачактын ысмы 1703-ж. жунгар сүргүнүнөн кийин угула баштайт. Канзачак өзүнүн уруулаштары – «шуштарлар» менен Жунгариядагы Эмель дарыясы тарапка көчүрүлгөн. Анын айтуусу боюнча: «Үргүдөгү контайшыдан эки миң калмак келип, кыргыз адамдарын жана шуй татарларын бала-бакыралары менен топтоп Эртиш дарыясына жакындаганда казак ордолору кол салып, кыргыздардын эркектеринин көпчүлүгүн өлтүрүшүп, аялбалдарын туткундашты. Канзачач тирүү калган отуздай киши менен Кыргыз жергесине кайра кайткан эле. Ини дарыясынын жогорку агымына (Телеут жери) жакындап келишкенде эки жүздөй казак-орустар Канзачак жана анын адамдарына кол салышкан. Бул беттешүүдө жыйырмадай кыргыз курман болуп, Канзачак жана Сураска Игереков тогуз адам менен Томск тарапка качышкан. Чулум дарыясы тарапка оогондор Кыргыз жергесинен эч кимди таба алышпай, Кызыл жерине келишти да, жергиликтүү калктын кыздарына үйлөнүшүп, туруп калышты».93 Канзачак менен Кучелай кайтып келишкенден кийин Томскиге орус бийликтерине кызмат кылууга келишип, бир жылдай ошол жерде туруп калышат.

1705-ж. Канзачак Уханаков, Кучелай Тайбукиндер кыргыз Шерлучак Кучелаев менен бирге Томскиден Кыргыз жергесине кайрадан качышкан эле. Андан соң, орус документтери: «Канзачак жана Кучелайко адамдары менен Чулум тарапка жүрүш жасашып, Томскиден Ачинск чыңдоосуна салык жыйноого барган И. Ларионов жана анын адамдарына кол салышып, алардын курсактарын жарып өлтүрүшүп, мүлктөрүн олжолоп алып кетишкен» деп жазат.94

1706-ж. Канзачак жана Кучелай «жолдоштору жана кыргыз адамдары менен Томск уездиндеги Бурнашев кыштагына согуш менен келишип, 12 орус жана башка адамдарды өлтүрүп кетишти».95

Ошол эле жылы Канзачак «80ге жакын кыргыз адамдары менен Ачин чыңдоосуна бир жылдык убакыт менен кызматка жиберилген 3 адамды мыкаачылык менен көкүрөктөрүн жарып өлтүрүшүп, салык төлөгөн адамдардын көбүн даракка байлап өлөрчө сабашкан, балдарын энелеринен ажыратып, аёосуз кордошкон, мал-мүлкүн талап-тоноп, олжо катары алып кетишкен эле. Ошол эле Канзачачко жүздөй кыргыз менен келип, казак-орус Сава Завьяловду аялы, бала-бакырасы менен өлтүрүшүп, үйүн өрттөп жиберишкен».96

1707-ж. жай айларында приказчик П. Петров падышанын буйругу менен «Ачинск чыңдоосунан Аргута шуст татарлары Кучелайко жана Канзачакты адамдары менен бирге кармап келүү үчүн куралдуу он кишини жиберген».97 Беш күн өткөндөн соң Канзачак кармалып Ачинскиге алынып келинген. Аны менен кошо «кыргыз Шурлучак жана башка беш кыргыз баласы бар эле». 1707-ж. 24-июнунда Канзачак, Кучелай жана Шурлучактарды Ачинскиден Томскиге алып келишкен.

1707-ж. 3-сентябрында «Томск жеринде кылмыш кылгандыгы үчүн, аймактагы башка салык төлөгөн адамдарга сабак болсун үчүн шуст татарларын Кучелайка, Канзачак жана кыргыздын баласы Шерлучачты падышанын өкүмү менен өлүм жазасына тартышты.»98 Архивдик жана фольклордук маалыматтардын негизинде Ханзачак Уханаковду уламышта баяндалган Ханза-бег менен жалпы кароого негиз бар. Анын Канза (Ханза – канжа) деген атына орус жазуусунун ошол учурдагы эркелетип-кичирейтип айтылчу «чак» деген сөз жасоочу мүчө жалганып айтылган. Канза-чактын хакаскызылдардын «шустар» уругуна кирген деген маалыматы фольклордун баяны менен дал келет. Анын Кучелай аттуу чоросу шуштар (шуй) уругуна кирген Кучелаевдердин түпкү бабасы болуусу мүмкүн.

1703-ж. Канзачак Хонгорайдын башка калкы менен бирге Жунгарияга сүрүлгөн. Сүргүндөн кайтып келишкендер шорлор менен телеуттардын ичинде туруп калган. Ал эми Сурас Игереков деген чоросу да телеуттардын жерине кайтып келген эле. Жогорудагы маалыматтардан улам Ханза-бегтин Томь өрөөнүнүн элинин эсинде кандайча сакталып калганын байкоого болот. Телеуттарда сакталып келген анын өлүм жазасы алдындагы ырынан жергиликтүү калктын Ханза-бегтин өлүмүн көргөнүн болжолдоого болот.

Канзачак менен казак-орустардын ортосундагы куралдуу кагылышуулар Чулум өрөөнүндө же Июс жеринде болуп өткөн. Азыркы учурда Үрүп, Парная дарыяларынын жана Теңир көлдүн (Типркол) айланасындагы Каиш (Хайыс-Таг), Ааскан (Атхыласхан-Таг), Свалик (Свееслiг), Чирилген деген тоолордун аттары Ханза-бегтин согушкан жерлерин чагылдырат. Канзачак Арга деген жерде колго түшкөн эле. Июс дарыясынын жогору жагындагы кызылдар жашаган жер хакастарда ушундайча аталат.100 Жыйынтыктаганда, Канзачакты өлүм жазасына тартуу фольклордогу Ханза-бегтин воевода тарабынан темир илгичке кабыргасы менен асылганы жөнүндөгү маалыматтар менен дал келерин белгилегибиз келет.

Ханза-бегтин ысмы хакастардын арасында ушул күнү да жашап келет. Хакасиянын аймагында дарылык касиети бар «Ханзапиг мөн су» деген булактар кездешет. Маселен, Томь дарыясынын жогорку агымындагы КизелТасхыл тоосундагы булак ушундайча аталары белгилүү. Таңмалык дарыясында «Ханза-пиг атын сугарчаг хара суг» – «Ханза-бег атын сугарган суу» аттуу булак бар. «Талаа адырашманы» деген дары чөптү «Ханза-пиг оды» дешип, кесилген жараларды дарылоого пайдаланышат. Аксакалдар: «Улуг астан ас полбасын» – улуу тамактан өткөн не бар, «эгер орус менен дос болсоң, ага сырыңды алдырба, жаныңа болот кылыч ала жүргүн» деген Ханзабегтин айткан сөздөрүн учкул кеп катары айтышат. Таң каларлык нерсе, бул учкул сөз теңир-тоолук кыргыздарда да айтылат экен. Маселен, «орус менен дос болсоң, ай балтаңды ала жат…!» Болжолу, бул учкул сөз башка түрк элдерине да таралып, эзелки мезгилдерге таандык болуп, орус элине каршы эмес, жалпы эле сырткы жоого каршы дайыма сак болууну эскертчү сөз окшойт.

Ханза-бег жөнүндөгү уламыштарда хакастардагы канга – кан деп өч алуу салттары жөнүндөгү фактылар сакталып келет. Бул төмөнкү сөздөрдөн да байкалат: «Тиги дүйнөдө частанган частыгым, төзенген төзепм бол». Мындай кан кууп өч алуу салты Түштүк Сибирдин башка түрк элдеринде да сакталып келген. Бул мисалды якуттардан да байкоого болот.101 Феодалдык мыкчыгерлерде өз жоосун мазактап-кордоо максатында эч нерседен шек албаган атаандаштарын өлтүрүлгөн жаш балдардын этинен тамак жасап беришкен мисалдар да кездешет (мис. Таар-бег).

Бул фольклордук чыгармада ант же шерт берүүнүн түрлөрү да сакталып калган. Мындай шерт берүү XVIII– XIX кк. хакастардан байкоого болот. Сот учурунда «шерт берип жаткан адамга кылычтын учуна сайылган нанды жегизишкен».102 Мындай ант берүү куралдын жазалоочу күчүн билгизип, шертиңди бузсаң, кылычтан өлөсүң дегенди түшүндүргөн. XVII к. кыргыз жергесинде «итти өлтүрүп, анын канын ичкен» шерттин түрү болгон. Мындан кыргыздардын иттин колдоочу касиетин барктаганын билүүгө болот деген божомол айтууга негиз бар. Маселен, б.з.ч. 49-ж. хуннулар Кытай менен антташкан келишимди жарыялоо үчүн ак боз атты курмандыкка чалышып, анын канын шарап менен аралаштырышып, юечжилердин падышасынын баш сөөгүнөн жасалган аякка куюп ичишкен.104

Ханза-бег жөнүндөгү уламыштарды изилдөөнүн негизинде биз тараптан Хакас-Минусин аймагынын Орусияга каратылышынын доорунда жашап, 1707-ж. Томскиде өлүм жазасына өкүм кылынган инсандын фольклордук образынын тарыхый прототибин көрө алдык деген жыйынтыкка келүүгө болот.

2.4. Ойрот башкаруучулары жөнүндө баяндар (XVIII к.)

Жунгар хандыгы (1635–1758-жж.) Сенге-тайшинин тушунда 1667-ж. Алтын-хан Лоужанды жеңгенден кийин Саян-Алтайды, анын ичинде Хонгорайды өздөрүнүн вассалдары катары эсептешкен. Ойрот башкаруучулары XVII к. баш чендеринен 1635-ж. өздөрүнүн саясый абалын оңдоп алганга чейин кыргыз бектерине тең абалда мамиле жасашып, Хонгорайдын чайзангдары менен куда-сөөк болуп мамиле күтүп турушкан. Маселен, князь Көчебай Батараев Жунгар хандыгын негиздеген Батыр контайшинин атасы Карагулунун карындашына үйлөнгөн.

XVII к. экинчи жарымынан тартып, Хонгорайдын саясый абалы кескин өзгөрүп, кыргыз башкаруучулары жунгар хандарынан көз каранды абалда калышкандыктан өз улустарын башкаруу үчүн «ээлик» грамоталарын ала башташкан эле.105 Согуш мезгили келгенде кыргыздар аскер берүүгө тийиш болушкан. Бирок, ошол эле учурда ойроттор кыргыздарга Орусиянын Түштүк Сибирге жылуусуна каршы күрөшүнө көмөк берип турушчу.

1756–1757-жж. Жунгар хандыгын Кытайдын Цинь династиясы талкалагандан соң, ойроттордун айрым бөлүктөрүнүн Хакас-Минусин аймагына ооп келишин хакас этникалык топторунда кеңири таралган Шуну-батыр жана Амур-Сана жөнүндөгү уламыштар маалымдай алат. Качиндерде ойрот башкаруучулары жөнүндөгү уламыштар Амыр-Саран, Амыр-Сарыг, Албын-Сана, Абыр-Сарам түрүндө айтылат. Сагай жана белтирлерде Хан-Суна, Суну-Матыр, Ир-Сулан, Алтын-Сора, Алып-Сора деген аталыштар менен белгилүү. Кызылдардын фольклордук чыгармаларында аларды Халдама жана Амыр-Сана деп аташат.106

Баяндарда Хонтайжы (Хумтайчы, Кундейчи) деген жалпылагыч ат менен маалым болгон акыркы ойрот башкаруучусунун баатыр уулунун кайгылуу тагдыры айтылат.

Ойрот элинин башкаруучусунун эки аялдан төрөлгөн эки уулу болот. Хан биринчиси менен ажырашып кеткени айтылат. Улуу баласын Суна (Амыр-Сана), экинчи аялынан төрөлгөн кичүү уулун Халдама деп аташчу. Хонтайжынын туруктуу аскерлерин Ах-Сагал, ХатыгТемир, Киндирек деген көрүнүктүү аскер башчылары, ал эми тандалма аскер кошуунун анын жети күйөө баласы жетектөөчү экен.

Бир жолу Саян-Алтайдын тынч жашап, мал баккан элдерине Алтай тайгасынан жырткычтардын падышасы – алабарс (жолборс) коркунуч туудура баштайт. Суна көзгө атар мерген, абдан күчтүү, тайманбас жоокер болгон экен. Ал тайгадагы жырткычтын артынан түшүп, өзүнүн алты курамдуу жаасы менен атып өлтүрөт. Хонтайжы тарабынан жиберилген атайын куралдуу топ атылган жебе боюнча жолборсту кимдин атып өлтүргөнүн тактап чыгышат. Ойроттордун жетекчиси өзүнүн кийинки тагдыры, тактысы жөнүндө ойлонуп, токол аялы менен кичүү уулу Халдаманын түрткүсү менен Сунаны орго таштаттырып салат. Суна көптөгөн жылдар бою өмүрүн сыз ордо өткөрөт. Жакындарынын ичинен бир гана энеси жашыруун түрдө тамак ташып келип турган экен. Бул баянда тактымды тартып алат деп, өз балдарын өлтүргөн тирандар жөнүндө баяндалат.

Хонтайжы жылына Кытайдан белек-бечкек алып турчу. Күндөрдүн биринде Кытайдан бир топ элчилер белек-бечкектин ордуна жети ат араң тарткан арабага жүктөлгөн арбалет алып келишет экен. Кытай богдыханы ойроттордун алып жаткан белектерге татыктуу эл экендигин текшерип көргүсү келиптир. Эрежеге ылайык, зор арбалеттин кайышын тогузунчу тээкке (тикпе) чейин тартып туруп, коё берип атуу керек экен. Бул талап аткарылбаса богдыхан кол салып, талап-тоноп алам деп коркутуптур. Хонтайжынын айланасындагылар, көрүнүктүү аскер башчылар да арбалеттин жибин тарта албай коюшат. Ошондо алп Суна эстерине келип, аны ордон алып келишкенде, баатыр эч кимдин күчү жетпеген арбалеттин кайышын тогузунчу тээкке чейин тартып туруп, атып жиберет. Ойлогондору аткарылбаган кытай элчилери аргасыз кайра кетишкен дешет.

Арадан бир аз убакыт өткөндө хонтайжы ооруп, көзү өтүп кетет. Ойроттордун арасында тактынын ээси үчүн күрөш башталат. Чоң курултайда ойрот княздары Халдаманы колдоп, ажырашкан аялдан туулган бала дешип Сунадан баш тартышат. Халдама бийликке келгенден соң, Суна үчүн жаңы куугунтуктоолор башталган эле. Ал өзүнө жакын нөөкөрлөрү менен Алтай тарапка ооп, кийинчерээк орус падышасына кызмат кылууга өтөт.

Ушул эле жылдары Ойрот жерине кытай аскерлери кол салып кирет. Сансыз кытай армиясы Халдаманын аскерлерин кысып кирет, көрүнүктүү аскер башчысы АхСагал согушта курман болот. Хатыг-Тимир жана Киндирек деген аскер башчылары туткунга түшүп калышкан болучу. Туткунга түшкөн ойротторду кытайлар кул катарында пайдаланып калышкан. Хатыг-Тимир жана Киндирек качып чыгууга аракет кылышканда, куугунчулар аларды кылычтап салышат. Капысынан соо калып, оор жарадар болгон Киндирек Кузнецк чебине араң жетет.

Согушта жеңилип калган Халдама да Орусияга кире качып, баш калкалайт. Ал Омскиде чечектен ооруп өлөт экен. Арасында чачын куу баскан, оор жарааттардын издери бар Киндирек ж.б. ойроттор Абакан өрөөнүнө баш калкалашат. Алар кайырчылык менен күн көрүшкөнүн, Ойрот мамлекетинин кулашын Киндиректин урпактарынан болгон Канка Чудагашев комуздун коштоосунда көмөкөй ыры менен баяндап берчү.108

Биз тараптан жыйналып, маалым болгон варианттардын жана бизге чейинки изилдөөчүлөрдүн маалыматтарында дастандардын сюжет курамына ар түркүн мифтик жана жомок мотивдери кирип калган. Ойрот жергесиндеги болгон окуялардын баары Хакасияга жылат. Сунуну жети жашында эле жасаган эрдиктери үчүн далы сөөгүндөгү кемирчектерин кесип, орго ташташат. Түрк-моңгол элдеринде өзүнүн душмандарын өлтүрбөй, бирок алсыздандырып койгон ушундай салт кеңири тараган болгон. Моңголия тараптан аткарууга таптакыр мүмкүн эмес, өзгөчө айлакерликти талап кылган талаптар менен элчиликтер келип турушкан; маселен, көмүскө жерде турган канаттуулардын кайсынысы карга (кузгун) кайсынысы сагызган (саасхан) экенин айтуу керек болгон.

Амыр-Сана Москвага барганда камчысынын сабы менен падыша-коңгуроону көтөргөн имиш. Ошол эле жерде падыша Петр I (Поот-хан) менен жолугат.

Ошондо Ак-хан хакас ханынын (Тадар-ханы) жерин көрмөкчү болгон имиш. Аларга жолдо ак сакалдуу абышка жолугуп, бир куржунду көрсөтүп, көтөргүн деп суранат. Петр I көтөрө албай койгондо, Амыр-сана куржунду шап көтөрүп, атка артып койгон экен. Ак сакал абышка теңирдин өзү экен, Амыр-Санага кайрылып: «Хакас ханы дүйнөдөгү эң күчтүү киши экен, анткени мен куржунга жер шарынын жарым топурагын салып койгон болчумун» дегенде, Амыр-Сана каткырып күлүп: «Мен эгер жердин туткасы болгондо, аны жаргылчактын ташындай айлантмакмын» – деп кесир сүйлөйт экен. «Сен адам көтөрө алгыс оор кесир сөз (улуг чох) сүйлөп койдуң, ушунуң үчүн жооп бересиң!» – деп ак сакал абышка көздөн кайым болот.

Орус падышасы менен хакас ханы андан ары жөнөшөт. Алар Абакандын жогору агымындагы Хан-сын тоосунун чокусунан аскага оюлуп жасалган табытты көрүп калышат. Амыр-Сана ага чыгып барып, табыттын ичине жатып көрөйүн дегенде, табыттын капкагы капыстан шарт жабылып, бекилип, ал темир чынжыр менен чырмалып калыптыр. Ошондон бери хакастардын ханы тоонун кырындагы табытта (Хан-сыны) жатат имиш. Ал эми хакас эли бул окуядан соң, Ак падышага моюн сунуп калыптыр.109 Кызыл варианты боюнча Амыр-Сана Ак-Июс өрөөнүндө азыр да турган таш балбалга айланып («оол обаа») калыптыр.120 Акыр заман келгенде хакас ханы өз ордунан туруп келип, Хонгорайдын мурдагы кубатын калыбына келтирет имиш.

Шорлор менен бирюсиндер ойрот ханы Шунунун мезгилинде кыргыздарды Абакандан Жунгарияга сүргөнүн эскеришет.110 Алар ошол учурда Сагай түздүгүн жайлашчу экен. Кыргыздар менен ойроттор тоолуу-токойлуу жерде жашашкан элдерден салык (албан) жыйнашчу. Тоо өрөөнүндөгү Кобырза дарыясы аккан жерде Шулбай деген жетектеген хобый уругу жашап турган болот.

Күндөрдүн биринде кыргыз ханы салык жыйнаганы келсе, Шулбай өз уруулаштарына аң терилерди көрсөтпөй каттыртып коет. Каарданган кыргыздар бул элди аябагандай жазалагандыгы баяндалат. Бирөөнүн колу менен өч алуу максатында Шулбай ойрот ханы Шунуга алып келген катында, салык жыйнаган кыргыздардан кутулуу керектигин билдирип кайрылат. Шуну катты окугандан соң, Хонгорайга саны анчалык көп эмес аскер жиберет. Кыргыздар жоону Аскиз өрөөнүндө тосуп чыгышып, толук талкалап салышкан экен. Бул окуядан соң, Шуну жортуулду өзү башкарып, кыргыздарды баш ийдирип, Жунгарияга карай сүрөт. Сүрүлгөн эл Шориядагы Кобырза дарыясынын жээги менен жүрүп олтурушат. Бул жер азыр да «Хыргыс кошкен хол» деп аталаары маалым. Кыргыздар сүрүлөөр алды Шулбайга акыр замандан соң кайра келишип анын сазайын беришерин эскертишкен экен.111

Шуну жана Амур-Сана жөнүндөгү баяндардын мазмундаш варианттары, XVIII к. биринчи жарымындагы окуялар Саян Алтайдын бардык элдерине гана эмес, аларга кошуна турушкан буряттарда да белгилүү. Фольклордук чыгармалар Шуну жана Амур-Сана тарыхый прототиптерин бир образга айландырып койгон. Чындыгында, бул эки инсан эки башка тарыхый доорлордо жашашкан.

Шуну же Лоузан-Шоно (1698–1735-жж.) жунгар ханы Цэван Рабдандын уулу, калмак ханы Аюкенин Сетержаб деген кызынан төрөлгөн. Анын башка энеден туулган аталаш бир тууганы Галдан-Цэрен (хакасча – Халдама) болгон. Алардын атасы Цэван-Рабдан тарыхый баяндарда Хонтайжы деп аталган. Ушул хандын тушунда кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөн болучу.

Булактарда: «Галдан-Церен Шунуй менен такты үчүн болгон күрөштө атасына Шунуну жамандап, жалган ушактарды айтып, экөөнү душман кылып коёт.

Ошондо Цеван Рабдан Шунуну өлтүрмөк да болгон экен».112 1727-ж. Церан-Рабдан дүйнөдөн кайткан соң, Галдан-Цэрен бийликке келет, Шуну болсо Орусияга, Волга тарапка качууга аргасыз болот. Цинь империясы Жунгар хандыгын баш ийдирүүгө аракет кыла баштайт. Ошондуктан 1731-ж. кытай элчилери Волгага атайын келишип, Шунуну «Галдан-Цэрен менен согушууга тукурушуп, анын тактысын берүүгө убада беришет».113 Кытай элчилеринин Хонтайжыга келип, аткара алгыс талаптарды коюшу чыныгы болгон тарыхый окуяларды чагылдырат.

Башка бир тарыхый инсан Амур-Сана (1722–1757-жж.) Ойрот мамлекетинин көз каранды эместиги үчүн күрөшүп, ал өлгөндөн соң, Жунгар хандыгы өз жашоосун токтоткон. Ал акыркы ойрот ханы Давацинин аталаш иниси, ГалданЦэрендин небере иниси болгон экен.114 1754-ж. хандык тактынын мураскорлорунун арасында күрөш башталганда Амур-Сана Давациге каршы көтөрүлүп, Алтай аймагын энчиге берүүнү талап кылат. Жеңилгенден соң, Кытайга качууга аргасыз болот. Кытай императору Хун-ли АмурСананы колдоп, ага биринчи катардагы князь титулун ыйгарып, ойротторго жетекчи кылып дайындоону ойлойт. Бирок, Амур-Сана кытай букаралыгынан баш тартып, 1755-ж. Жунгарияга келип, көтөрүлүштү жетектеген. 1756-ж. башында Даваци өлгөндөн кийин, Амур-Сана хан деп жарыяланат. Бирок, Хун-ли жарым миллиондон ашуун аскерлерди алсырап калган Жунгар хандыгына каршы жөнөткөндө Амур-Сана Орусиянын аймагына жашынууга аргасыз болот. Орус бийликтери аны Тоболь шаарына жөнөтүшөт, Амур-Сана 1757-ж. 21-сентябрда чечектен өлөт.115

Белгилүү ойрот башкаруучусу, ошентип, Саян-Алтай элдеринин улуттук баатырына айланып калат, анткени, бул аймак кандайдыр бир деңгээлде Жунгар хандыгынын кайгылуу тагдырына байланышкан тарыхый окуяларга катышы бар эле. Амур-Сананын образы алтайлыктар менен хакастардын эсинде куткаруучу катары жашап келет. Хакастар аны «Тадар-ханы» деп аташчу. Бул дастандардын соңунда бурханизмдин башкы идеяларынан болгон легендарлуу баатырдын кайтып келиши жөнүндөгү ойлор айтылат. Белтирлердин мификалык жетекчиси Хан-Сулу элдин эсинде сакталып келген ойрот башкаруучусу Шуну менен жалпылыгы болушу толук мүмкүн.

Фольклордук чыгармаларда хакас элинин психологиясын чагылдырган кызыктуу мисалдар кездешет. АмурСана жөнүндөгү дастанда Хатыг-Тимир деген аскер башчысы бир тууганы Киндиректи аман сактап калуу үчүн, өз баласын аттан оодарып салат, анткени, аялды алууга, баланы табууга болорун, бир тууганды табуу мүмкүн эмес экендиги айтылат (хат чолда, пала пилде – катын жолдо, бала белде). Эрлердин психологиясы ушундай болгон.

Хакасия Орусияга кошулар алдында Ортолук Эне-Сай өрөөнү ойрот ээликтеринин бир бөлүгү болгон, анткени, кыргыз бектери жерге ээлик кылууга укук грамоталарын ойрот хандарынан алып турушкан. Хакас фольклору ойротторду жана алардын башчыларын өзүнүн тарыхый инсандары катары сүрөттөйт. Ошону менен бирге, хакас фольклору Хакасиянын калкынын ойроттордун баскынчылыгы менен Жунгарияга сүрүлүшүн баяндап келет.

2.5. XVIII–XIX кк. хакас тарыхый персонаждары

Хакасия Орусиянын курамына кошулгандан соң, хакас элинин турмушу узакка созулган согуштардан тынчтык нукка өтө баштайт. Ушул мезгилде калк карапайым адамдардын трагедиялуу тагдырларын, башчылардын турмушун, адамдардын турмушундагы урунттуу окуяларды ж.б. чагылдырган элдик оозеки чыгармаларды «хара-чоохторду» жаратат.

Каптаган улуу тумоолордон алсыраган Сора деген фольклордук каарман кайгылуу тагдырга туш болот.116 Эне-Сайдын аркы жээгиндеги Амыл дарыясын бойлоп жаш башлык (башчы) Хайир жетектеген хайдын деген анчалык чоң эмес уруу жашай турган. Хайдындар оокаттуу адамдар болушкан, жууркан-төшөгүн кишинин терилеринен жасашчу экен.

Күндөрдүн биринде салга түшүп Абакан чыңдоосуна келе жатышкан бул уруктун өкүлдөрү Оглахты тоосунан Эне-Сайга суу ичкени түшүп келе жаткан баатырлар минчү ак боз атты көрүп калышат. Бул Тулжубай баатырдын үйүрлөрүнүн сактоочусу – асмандагы ызыхы эле. Хайдындар ыйык аргымакты аңдышып, атып алышат. Жасаган акылсыз иштери үчүн бул урууга каргыш тийип, кара чечек (харан) тумоосу каптайт.

Хайдындар тумоодон кырыла баштайт. Хайир аялы экөө тең каза табышат. Хайирдин атасы неберелерин бул кырсыктан сактамакчы болуп, аттарын токуп, небере уул-кызын тайгага алып кетип, жер үйдө туруп калышат. Бирок, шум ажал абышканы да кууп жеткен экен. Арадан көп убакыт өтпөй кыз да чарчап калат. Ажалдан Хайирдин уулу гана өлгөн эжесинин койнуна жашынып, аман калат. Ушул учурда Амыл тайгасында Санзар деген мерген аң уулап жүрүптүр. Ал теги жагынан Койбал аймагындагы Пырас деген аралдан (Эне-Сай дарыясы) эле. Санзар балага жолугуп калып, өз үйүнө ээрчитип келет. Баланын шамдагай, чапчаң мүнөзүнө карап Сора деп ат коюшат.117 Соранын бактылуу балалыгы Санзар тирүү мезгилде өттү. Өгөй атасы көз жумгандан кийин Сораны кысымга ала башташканда, Санзардын кичүү кызы менен Хайдын жерине качууну чечет. Ал өзүн мээримдүү тосуп алышкан туугандарынын айылын табат. Бактылуу Сора чарба күтүп, жаш аялы менен турмуш-тиричилигин өткөрө баштайт. Арадан убакыт өтүп Казыр жана Кизир деген эки уулдуу болушат.

Күндөрдүн биринде Сора Амыл тайгасында аң уулап жүрүп, эжеси менен чоң атасы ажал табышкан жерге барууну чечет. Ал мурда болуп өткөн окуяны туйганы менен жер үйгө кирип түнөмөкчү болуптур. Натыйжада Сорага оору жугуп, ошол жерден каза табат. Соранын аялына суук кабар жеткенде, жесир калган аял өз балдары менен төркүнү жашаган Койбалга кетүүнү чечет.

Балдарын атка мингизип, Амыл дарыясынын чатындагы кечүүгө келгенде аттары мүдүрүлүп, балдары менен сууга чөгүп өлүшөт. Ошол окуядан улам, дарыяга кошулган эки суу Казыр менен Кизирдин ысымдарын алып жүрүшөт.

«Сора» жөнүндөгү баян XVIII к. орто чендериндеги окуяларды, тагыраак айтканда, чечек оорусунан Эне-Сайдын оң өйүзүндө жашаган койбалдардын матор, хайдын урууларынын бир бөлүгү кырылып калгандыгын чагылдырат.118 Казыр жана Кизир жөнүндөгү баяндын келип чыгышы бир кыйла эртерээк мезгилдерге таандык.

XVIII к. орто чендеринде Качин аймагын Ак Июс дарыясы тараптагы Хубачар айылында туруучу Паган-бег Көбежиков башкарган. Ал учурларда Сибирь аймагынын административдик борбору Тобольск (Тобыл-Тура) шаарында жайгашып, өз мезгилинде хакас бектери жыйналган салыкты алып барып турушчу. Сибирдин губернатору болуп Чигирин дайындалган. Ал ичти шишитип жиберчү ооруга чалдыккан экен. Ал эми Паган-бег өзүнүн орой кыял-жоругу менен белгилүү болгон. Кошуна жайгашкан Койбал аймагында жылкы тийүү аябай күч алып, бул көрүнүш кадыресе баатырдык, азаматтык катары кабыл алынган. Бир жолу койбалдык жылкы уурулар кармалганда аларды өлүм жазасына өкүм кылууга буйруйт. Койбалдардан Тобольскиге жашыруун арыз жөнөтүшөт. Губернатор мындай кабарды алар замат Паган-бегди өзүнө чакыртат. Паган-бег үйүрлөрүнүн ичинен кырк кара темгилдүү ак боз жылкыларды бөлүп алып, нөөкөрлөрү менен Тобольскиге жөнөйт. Бул жолугушууда Паган-бег губернаторго (хазын) Койбал жергесиндеги күч алган уурулук жөнүндө баяндап берип, андан соң аргымактарын тартуу кылган экен.

Кабыл алуу учурунда Паган-бег сибирдик губернатордун табы жок экенин байкап, өзүнүн табыптык кызматын сунуш этет. Макулдугун алган соң, Паган-бег өз букараларына бээнин сүтүнөн кымыз жасатып, андан сүт арагын (хымыс арагазы) жасатат. Губернаторго эки ай бою күнүнө эки ирет жез аяк менен тартылган кымыз арагынан берип турган дейт. Губернатор ооруудан айыгып чыгат. Кубанган губернатор Чигирин Паган-бегке ысымы жазылган кылыч тартуулоо менен бирге, Качин аймагына ээлик кылууга, ууруларга жаза колдонууга уруксат кагаздарын ыйгарган экен. Орус бийликтеринен колдоо алган Паган-бег карапайым элди аёосуз жазалап, жыйналган алымдын бир бөлүгүн кымтып ала турган болот. Ак Июстун жогорку агымы тарабындагы анын аң уулоочу кенен жерлери азыр да «Паган карызы» деп аталат. Анткени, бул аймакта аңчылык кылган мергенчилер жана жергиликтүү калк Паган-бегке аң-терилеринин жарымын берүүгө милдеттүү болушкан. Колунда жок көптөгөн адамдар эсирген башлыкка жылдар бою кызмат кылышчу. Акырында Паганбегтин эзүүсүнө чыдай алышпай, жардыланган малчылар кара шаманды чакырышып, анын дубалоосу менен Качин аймагынын башчысынан кутулушкан экен.

Паган-бег өлгөндөн соң, бийлик анын уулу Бориске өтөт. Андан соң Качин аймагынын башчылыгына, Паганбегдин небереси болгон Палтан келген. Андан соң, Палтандын ортоңку уулу – Апчай, кийинчерээк бул тизгинди Прок алган.

Кобежиковдордун тукумдары сансыз байлыктарга ээ эле. Алар малын алтын кумга сатышчу, Хомдычул жана Хызылчул дарыяларына тегирмендерди курушкан, Шира көлүнүн жээгине эс алуу үйлөрүн салышкан экен. Бирок, XIX к. чайзандардын курултайында калкты ашыкча эзүүгө алышкандыктары үчүн Кобежиковдор эл башкаруудан четтетилишкен. Алардын тукумдарынан кийин бектикке эч ким шайланган эмес. Бирок, Совет бийлиги орногонго чейин Кобежиковдордо губернатор Чигирин тартуу кылган ысмы жазылып берилген кылыч жана укук грамотасы сакталып кала берген.119

Паган-бег жөнүндө эл баяндаган хара-чоохтор негизинен XVIII к. экинчи, XIX к. биринчи жарымындагы окуяларды камтыйт. Чындыгында эле, 1760–1770-жж.

Тобольскиде хакас бектеринин арыздарын сибирдик губернатор Денис Иванович Чичерин караган экен.120 Кымыз менен дарылоо жөнүндөгү маалымат сүт азыктарынын жашоо турмуштагы маанисин жана хакастардын көчмөн маданиятын чагылдырары шексиз. XIX к. сүт азыктарынын ичинен айран үстөмдүк кыла башташы, хакастардын жарым отурукташууга өтүшүн, бодо малдын көбөйүшүн аныктаган. Хакастарда араканы (кымыздан тартылган арак) дарылык багытта колдонуу маданияты кеңири тараган. Салттуу шарап ичимдиктеринен четтеп кетүү, азыркы учурдагы таралган аракечтикти хакастар бабалардын каада-салтын сактабагандыктары үчүн тоо духтарынын жазалоосу катары түшүнүшөт.

Апун Картин деген бай жана анын урук-тукумунун санжырасы жөнүндөгү аңгемелер хакас этносунун калыптанышынын татаал процессин көз алдыбызга келтирет. Байыркы мезгилдерде Абакан суусу Ах-Сабага деп аталып жүргөн учурда анын жээгинде кыргыз элин башкарган Алтын-Толай деген бек жашаптыр. Күндөрдүн биринде Абакан өрөөнүнө Ойрот ханынын аскерлери капысынан каптап, кыргыз элин туткундап, сүрүп кетишет экен. Жашы улгайып калган Алтын-Толай бек өз уулу АлтынАлгай менен бөтөн эл, бөтөн жерге аргасыз туруп калышыптыр. Туткундагы ата-бала ойрот байы Ибелдиктин чарбасында уй багып, кой кайтарууга аргасыз болушат. Ибелдик байдын жалгыз Суру аттуу сулуу кызы келишимдүү Алгайды жактырып калат. Өз ара макулдашып, Хонгорайга качып кетишет. Суру атасы Ибелдиктин алтын менен күмүшүнөн да алууну унуткан эмес экен. Абакан өрөөнүнө келишкен соң, Алтын-Алгай Ташеба дарыясынын куймасына жакын жерде туруп калышат. Алар Харты жана Баин деген эки уулдуу болушат. Бул балдардан Ойрот мамлекетинен чыккан ойрат-хыргыс уругундагы Картин жана Баиновдордун тукумдары тарайт. Ойрот жеңип алууларынан кийин Абакан түздүгүндө мурдагы кыргыздардын бир аз гана бөлүгү калган экен.

Бир жолу Харты менен Баин Абаканда балык уулап жүрүшүп, кайыңдан жасалган кайыкта сүзүп келе жаткан жаш баланы көрүп калышат. Алтын-Алгай бул баланы асырап алып, атын Аршан деп койот. Аршандан Алгайдын урматына аталып калган алгай-хыргыс уругундагы Аршановдордун тукуму тарайт.

Харты атасынан энчи катары бир үйүр жылкы алат. Күндөрдүн биринде башына куржунду жазданып, түнкү асманды тиктеп жатып калат. Ай толуп турган чак эле. Капысынан асманда жаркырак пайда болот. Хакас ишенимдери боюнча мындай кубулуш болгондо тилек кылуу керек болучу. Харты шашылгандан: «Мен жетинчи тукумума чейин бай болсом», – деп тилек кылат. Ушул окуядан кийин Картин Хонгорайдын эң бай адамдарынан болуп калыптыр.

Хартыдан Хылга Картин, андан Мунаш төрөлөт. Мунаштан Чирке туулат. 1822-ж. Качин талаа думасы уюштурулганда Чирке Картин анын негиздөөчүсү болгон. Ал падышанын атчан аскерлерине 100 кула аргымакты тартуу кылган экен. Бул тартуу үчүн падыша Александр Чиркеге өзүнүн үстүндөгү кафтанын чечип берген дешет. Чиркенин алты уулу болгон: Куске, Пага, Патха, Силбен, Чобан жана кенжеси Хароол. Хароолдун Соркай аттуу уулу болгон. Соркайдан – Петр, Петрдан Апун (Афанасий Петрович) туулат. Хартанын жетинчи тукуму болгон Апун бай бабаларынын байлыгын чачып жок кылган дейт. Элдин айтканына караганда, Картиндердин байлыгы бир миллион падыша рублин түзгөн. Апун Картин байлыгын күнүмдүк жан жыргатууга чачып: «Картиндердин байлыгы түгөнгүчө Ташебадагы кум эртерээк түгөнөт» – деп мактанчу экен.

Апун дасторкон үстүндө өзүн-өзү мактаган ырларды жакшы көрүп, аны кедей Кыто Добров деген аткарчу. Бир жолу Кыто Добров ырдоодон баш тартканда, бай аны атып салат. Апунду Минусин түрмөсүнө камашканда, абактагы кылмышкерлер аны өлтүрүп коюшат экен. Апун өлгөндөн кийин, Картиндердин байлыгы да кумга сиңген суудай жок болот. Анын Сендре деген уулу кедей абалында калгандыгы айтылат.121 Хакастардын ишенимдери боюнча Харты өз тукумдарынын тагдырын чектеп койгон, эгерде ай жаңырган учурда жети тукумга гана чейин эмес, көбүрөөк тилек кылганда Картиндер азыр да бакыбат жашамак имиш.

Хакастын тарыхый баяндары белгилегенге караганда Кызыл талаа думасынын башчысы (беги) Крис Ботонаков деген болгон. Кристин мүлкү жылкы тийип уурулук кылган атасы Тыбый Ботонаковдун байлыгынан куралган экен. Тыбыйды жабыр тарткан адамдар уурулук кылып жаткан жерден өлтүрүшөт.

Крис Кызыл талаа думасына кызматка келгенде орус бийликтеринен өзүнүн тегин жашыруу максатында өз кайын-журту Улчугачевдердин фамилиясына өтөт.

Крис бай Ак Июс дарыясынын жээгинде жайгашкан айылда турчу. Кызыл талаа думасынын борбору ал учурда Кара Июстагы Тагдагы-аал деген жерде жайгашкан. Бир жолу Крис думанын борборуна аттанат. Жол жүрүп келе жатып, Онло тоосунун тектиринен айтылуу чайзан Силиг-оолдун аялы каткан алтынды таап алат. Байыган Крис өзүнүн жылкысынын санын токсон үйүргө жеткирет экен. Бир жолу Хонгорайдын талааларын сансыз келемиштер (сал куске агыны) каптап кетет. Жайнаган кемиргичтер чабылган бычандарды, чөптөрдү тамырынан бери жеп салышат. Өсүмдүксүз калган өрөөн чөлгө айлануу коркунучу туулат. Жемсиз-отсуз калган төрт түлүк мал кырыла баштайт. Крис байдын мүлкүнүн негизин түзгөн жылкылар кыш мезгилинде отсуз калып, кырылып калат. Крис Ботанаковдун бакубат турмушу ушундайча кайгылуу аяктаган.

XIX к. Хакас-Минусин крайын чычкан, келемиштердин чабуулу бир нече ирет солкулдаткан экен. Мындан хакас малчылары чоң зыян тартышканын бай Крис Ботанаков жөнүндөгү хара-чоох ырастайт. Григорий (Крис Гриша дегенден келип чыгат) Улчугачев Кызыл талаа думасын негиздөөчүсүнүн бир тууганы катары жазма булактарда чагылдырылат.

1855-ж. Качин думасы ири байлардын чыр-чатагынан Усть-Абакан жана Усть-Фыркаль управаларына бөлүнүп кетишкен. Хара-чоохтордун маалыматтарына караганда Усть-Фыркаль управасын Точак Конгаров башкарып калат.122 Хакас каада-салттары боюнча бектик кызматка кырк жаштан өткөн, турмуштук тажрыйбасы бар кишилер коюлган. Хакас башлыктары мамлекеттик салыктан – албандан бошотулган.

Бирок, бек Точак Конгаров өтө ач көз киши болгон дешет. Ар бир эркек башынан ашыкча бир рублден албан жыйнап алчу. Кары-картаңдар жана оорулуулар салыктан бошотулгандыгына карабастан, аларды ошол албандын жарымын төлөөгө мажбур кылгандыгы айтылат.

Сакталып келген элдик салттын негизинде хакастардын ичинде тайаке-жээндердин ортосундагы кыз алып, кыз берүү салты (тайылыг – чееншг) кеңири тараган. Бирок, бул салт орус чиркөөсү тарабынан күнөө болору эскертилип турчу. Точак бай мындай үй-бүлөлөрдү өзүнө чакырып, коркутуп-үркүтүү жолу менен мал-мүлкүн алып турган. Баш ийбегендерди Точак сотко (чаргы) чакырып, күнөөлүүлөргө 25тен 75ке чейин балак урдурган. Управада бул жазалоону ишке ашыруучу атайын кызматтагы адам болгон. Жазалоодон жабыр тарткан адамдардын желкесиндеги териси шылынып түшчү. Жазалоодон кийин эркектер чанач сыңары шишип, оорукчал адамдарга айланып калышчу.

Точактын каардуу башкаруусу Красноярдагы орус бийликтерине белгилүү болуп калат. Губерниядан чырчатакты текшерүүгө келген орус чиновнигине белек бербей койгон сараң Точак кызматынан кол жууп калат. 1864-ж. Усть-Фыркаль управасы борбору Абакан эсептелген УстьАбакан управасына кошулган эле. Ошол учурдан бери Точак менен анын тукумдарынан башлыктык кызматка эч ким шайланган эмес.

XIX к. Хакасиянын аймагына сүргүнгө айдалган поляктар, зыряндар, кавказдыктар келишип, алардын айрым тукумдары хакас этносунун курамына жуурулушат. Алардын ичинде Хакасияга каракчылык кылмышы үчүн сүргүнгө айдалган азербайжан Гасанбег-оглыдан «хара черкес» уругу таркайт. Гасан-бег соода жана жылкы уурдоо менен кесиптенген. Жаз айында хакастардын Жаңы жылында (Чыл пазы) малчыларга насыяга жибек кездеме менен жасалгаларды таркатып, күзүндө Айран-солындызы тоюнда карызды мал түрүндө алуучу. Бир шурунун наркы бир өгүзгө барабар эле. Хакас сөйкөлөрү үчүн алты шуру талап кылынуучу. Мындай жасалга сулуу кыз-келиндерди суктандырчу. Бирок, Гасанбегдин бул ишкердик аракети толук аягына чыкпай калган болучу. Аны хакастар жылкы уурдагандыгы үчүн өлтүрүп салышкан.

Гасан-бег Койбал түздүгүндө жашап, бир нече койбал аялдарына үйлөнгөн. Андан бир уул, эки кыз төрөлөт. Гасан-бег өлгөндөн кийин анын балдары хакастардын ичинде чоңоюшуп, Казымбековдор деген фамилия алышып, «черкес» уругуна негиз салышкан.

Хакастарда мындан сырткары, качкын Хучас жөнүндөгү баяндар (хара-чоох) кеңири тараган. Ак хан бийлигинин тушунда хакастарды орус армиясына кызматка алышчу эмес; анткени, талаа турмушуна көнүшкөн, орус тилин билбеген хакастар камыр тамактарды жешчү эмес. Бирок, Николай I нин падышачылыгы учурунда ХакасМинусин аймагынын оокаттуу дыйкандары өздөрүнүн аскерге милдеттүү балдарынын ордуна хакас кедейлерин жалдай башташкан эле.

Абакан өрөөнүндөгү Үзүм деген жерде Хучас Итпалинов аттуу кедей жашоочу. Жыл бою байларга жалданып иштегендигине карабастан, карыздан башы чыкчу эмес экен. Тагдырдын кайгылуу соккусунан 300 рубль карызы үчүн жергиликтүү бай орус дыйканынын баласы үчүн аскерге чакырылат. Бай Хучас үчүн жылдык салыкты төлөөгө милдеткерликти алат. Аскер турмушу анчейин деле таттуу эмес эле. Эркин жашап көнгөн Хучас казармалык турмуштан тажап качып кетет. Аскер дезертири (качкын) болгон Хучас өз айылына келе алмак эмес. Бирок киндик каны тамган жерди таштап кете албаган Хучас Саар-таг тоосуна «Хучас уген тас» деп аталып калган чыңдоо курат.

Хучас байлардын бийлигине каршы чыгат. Ал чайзандар тарабынан жыйналган салыкты тартып алып, кедейлерге таратып бере баштайт. Ошону менен бирге, Хучас белгилүү жылкы уурдоочу катары да даңкы чыгат. Хучас байлардын жылкы үйүрлөрүн Кузнецк Ала-Тоосундагы тайгага, Томь жана Ак Июс дарыяларынын баш жактарындагы чытырман токойлорго айдап качат. Ушул аймактардагы Тиренсуг дарыясынын жанында Хучас уурдалган малга жаңыдан эн тамга басып, андан ары сагайлардын уурулары менен биргеликте Кызыл тарапка ашып түшүшүп, сатып жиберчү экен. Хакас байлары Хучастан арылууну чечишет. Бирок аны кармай албай эстери оойт. Эл оозунда Хучастын шыйрагы узун, тизесиндеги томугу чоң, ошондуктан ал жакшы чуркап куугундан кутулуп кетчү деген аңыз кеп айтылат. Куугун учурунда Хучас Абакан дарыясына бат жетип, сууга кирип, камыштын жардамы менен суу астында дем алып, кутулуп кетчү экен.

Бир жолу башлыктар «Хучас-уген-тасты» курчап, Хучасты колго түшүрүп алышат. Сагай талаа думасынын беги Хучаска 50 балак уруу менен жазалоо жөнүндө өкүм чыгарат. Мындан сырткары, чуркай албасын деп анын тамандарын кесип, жылкынын майда кылын салып тигип коюшат. Бирок, Хучас түрмөнүн курчалган бийик дубалын ашып түшүп, алыскы Асхыл-тайгага барып жашынат. Асхыл-тайгада Хучастын издери азыр да бар деген аңыз кептер айтылат.124

Хучас 1860–1870-жж. элдик өч алуучу катары атагы чыккан. Аскерден качкан Хучас өзүнүн аракеттери менен хакас айылдарынын байларына бүлүк салган.

Анда жаратылыш тартуулаган кара күч бар эле. Сүрөтчү Д. Каратанов Хучас жөнүндө: «Анын жүзүнөн… акыл-эси, дене күчү жана ички руханий кубаты сезилип турат. Бүркүттөр гана ушундайча тиктейт. Аны артыкча баалабай эле бүркүткө салыштырууга болот» деп эскерген.125 1862-ж. Хучас кармалып, каторгалык жумушка жөнөтүлгөн. Ал жерден да качат. 1867-ж. Сагай думасында камакка алынганы, бирок, 1872-ж. эркиндикке чыгып, кайрадан байларды тоногондугу маалым. Качкын Хучастын атагын алыстан уккан белгилүү сүрөтчү В.И. Суриков Аскизге атайын келип, элдик өч алуучунун сүрөтүн тартып кеткен экен.

Хакастар калк арасында көбүнчө Пора деген ат менен белгилүү болгон окумуштуу, профессор Николай Федорович Катанов (1864–1922-жж.) жөнүндө өтө сыймыктануу менен айтышат. Анын Аскизде болочоктогу өтө бай Аппах Асочаков менен бирге өткөргөн окуучулук күндөрү жөнүндө кызыктуу маалыматтарды угууга болот. Пора өз аялын атасынын бир тууганы Ефим Катановдун колунан алган. Хакас талааларында соодагерлердин кербенине каракчылар кол салганда аман калган орус кызын Ефим Катанов багып чоңойтот. «Хара-чоохтордогу» маалыматтарга караганда Пора Катанов казандык татарлардын таасири астында хакастарга «тадар» деген атты ыйгарган деп айтылат.

Бир жолу Пора алыскы Казан шаарынан туугандарыныкына мейманчылаганы келип калат. Аны генералдык формада көргөн хакастар орус тилинде баарлашмакчы болуп калышат. Бирок, хакастар орус тилин начар билишкендиктен сөздөрдү чаташтырып сүйлөй албай калышканда, Пора хакастын таза тилинде сөздү бурмалабай, өз тилиңерди урматтагыла деген экен.

Пора хакас айылдарын аралап жүрүп, элдик өзгөчө күлкүлүү, чымчыма какшыкты – «чалчыхты» укмакчы болуп калат. Аны Усть-Чуль деген айылдагы жаш келиндин үйүнө чакырышат: «Менин алдыма алтын жаланган кийимиң менен олтуруп алып, падышанын берген кемсели менен таң калдыргың келип турабы. Сен оболу менин жорго атыма алдагы кийимиң менен олтуруп көрчү, андан соң сени менен сүйлөшөйүн» деп айтыптыр. Пора чыныгы элдик «чалчыхты» угуп жыргаган экен.126

Хакас тарыхынын Орусиянын курамындагы мезгили «харачоох» деп аталган элдик баяндар менен маалым. Бул фольклордук чыгармаларда элдик заң-мыйзамдардын (талаа мыйзамдары) түрлөрү, элдин күндөлүк жашоо-турмушу, орус административдик башкаруу органдарындагы кызмат ж.б. сүрөттөлөт. Жалпысынан алганда, «Харачоох» баяндары толук кандуу түрдө калыптана алган эмес, алар көбүнчө локалдык мүнөзгө ээ. Эл андан улуттук баатырларды бөлүп ала элек. Хара-чоохтордун курамында башка түрк элдеринин легендалары менен санжыраларына таандык эзелки сюжеттер да кездешет. Качкындарды аёосуз жазалоо (таманын кесип, кыл салып тигип коюу) башкыр фольклорунда да белгилүү. Муну Амур-Сана жөнүндөгү дастанда баяндалган туткундардын далысын кесүү салтына салыштырууга болот. Муну кыргыздар да туткундардын күчүн алып, алсыратуу максатында колдонушкандыгы маалым127.

III БАП

КЫРГЫЗДАР МОҢГОЛ-ЖУНГАР БАСЫП АЛУУЛАРЫ МЕЗГИЛИНДЕ (XIII–XVIII КК.)

3.1. Саян-Алтайды моңголдордун басып алуусу. Кыргыздар Моңгол империясынын курамында

XIII к. башында кыргыз мамлекети жалпы жонунан бир «ээликке» кирген, бирок иш жүзүндө бири-бирине көз каранды эмес эки улуска бөлүнүп калган. «Кыргыз жана Кэм-кэмжиут – бири-бирине жанаша турган эки аймак, алар бир мамлекетти түзөт. Кэм-кэмжиут – чоң дарыя, ал бир жагынан моңголдордун (Могулстан) ээликтери менен, экинчи жагынан тайжиут уруулары жайгашкан Селенге дарыясы менен чектешет; ээликтин бир тарабы суусу мол Ангара-мурен менен чектешип, Ибир-Сибир аймактарынын жерлерине барып такалат. Кэм-кэмжиуттун бир тарабында найман уруулары жердеген тоо-түздүк аймактары жатат. Насили моңгол урууларынан болгон кори, баргу, тумат менен байаут уруулары Баргркин-Токум жана ага чектеш жерлерди мекендешет. Бул аймактарда шаарлар жана кыштактар арбын кездешет, көп сандаган көчмөн уруулар бар».1 Кэм-кэмжиут аймагынын аталышы Кем (Жогорку ЭнеСай) жана Кемчик дарыяларынын атынан келип чыгып, географиялык жактан азыркы Туванын аймагына дал келет. Ал наймандар мекендеген Моңгол Алтайы, тумат, баргут, байаут уруулары жайгашкан Чыгыш Саяндар (Баргркин-Токум) жана Селенга дарыясынын жогорку агымдары менен чектешет. «Кыргыз» улусу Минусин ойдуңун ээлеген. Бул аймак аркылуу «Кэм-кэмжиут» (Эне-Сай) деген чоң дарыя, «Анкара-мурен» (Ангара) дарыясы менен биригип, «Ибир-Сибир» аймактарына (Тайгалуу Сибирь аймагы) жетет. Андан чыгышыраакта кори (курыкан) уруулары жашай турган.

Биздин замандын ХШ-ХIV кк. эне-сайлык кыргыздардын археологиялык эстеликтери ошол доордогу кыргыздар жашаган аймак менен толук дал келет. Моңгол мезгилиндеги кыргыз көрүстөндөрүнүн басымдуу бөлүгү Минусин ойдуңунда (Кыргыз жеринде) жайгашкан; Кий дарыясынын өрөөнүндө (Ибир-Сибирдин тайгалуу чет-жакасында) да ушул мезгилге таандык кыргыз эстеликтери табылган. Б.з. XIII – XIV кк. Тувада кыргыз маданиятынын үлгүлөрү көп санда кездешпейт. Алтайдан моңгол дооруна таандык кыргыз эстеликтерин жолуктура алган жокпуз. Изилдөөчү С. Г. Кляшторный тарабынан болжолдонгон Алтайдагы XIII к. өзгөчө «Кыргыз улусу» болгон деген пикир колдогу болгон булактар тарабынан ырасталган жок. Ошондуктан бул аймакка «Кыргыз облусун» жайгаштыруу чындыкка коошпойт.

«Кыргыз жана кем-кэмжиут» улустарынын ар биринин өз башкаруучусу болгон. «Улус башчыларынын (ар биринин) өз ысымдары башка болгону менен – «инал» деген наамды алып жүрүшкөн, ушул эле аймактардагы урмат-сыйга ээ болгон уруунун аты – «иди» болгон. Улустун башчысы…. (жазылбай калган).

Экинчи улус – Еди-Орун деп аталат. Анын башчысын Урус-инал деп аташат».2 Эки аймактын тең иналдары ушул аталган «иди» уругунан чыгышкан. «Кошуна жайгашкан» эки улустун бир «ээликке» кирүүсү күчтөн тайып, жонунан гана сакталып турган кагандын бийлиги мен ен бирге, жер-жерлердеги чыныгы бийлик иналдардын (му раскорлордун) колунда болгондугун чагылдырат.

Моңгол элчилеринин «кыргыз эмирлерине жана башкаруучуларына» барчу жолду сүрөттөп жазгандарына караганда, Еди-Орун аймагы Минусин ойдуңунда жайгашкан болсо керек. «Алар адегенде… (жазылбай калган) бир аймакка келишти. Андан соң, башка аймакка сапар тартышып, Урус-инал деген башкаруучусу бар Еди-Орун аттуу аймакка келишти».3 Кыргыз ээликтеринин чектери Ангара дарыясына чейин жеткен. «Ошол дарыя (Анкара) Кикас деп аталган шаардын жанынан агып өтөт, Кем дарыясы менен биригет. Ошол шаар кыргыздардын чегинде жайгашкан».4

XII к. аягында – XIII к. баш чендеринде моңголдор наймандарды талкалоо менен, Батыш Моңголия жана Жунгариянын түрк жана моңгол урууларын баш ийдирүүнү аякташат. Согушта жеңилген найман ханы Буюрук «кыргыз жеринде жайгашкан Кэм-кэмжиутка качып барды».5

Темужин жеңип алынган урууларды башкарууга Хорчини дайындап, ага буйрук берет: «Түмөн башчы болуп, батыш өлкөлөрү Алтын тоолорго чейин башкаргын». Хорчинин ээлигине токой элдери да берилген болучу. Каган: «Хорчи үч миң баарындарга гана ээлик кылбай, Тахай жана Ашых миң башчылары менен бирге саны түмөнгө чейин жетчү адаркин, чинос, төлөс, теленгуттарды башкарсын. Ал Эртиш дарыясына чейинки аймактарда эркин көчүп жүрө берсин, ошону менен бирге токой элдерине да өз көңүлүн бурсун. Хорчинин макулдугусуз токой элдери бир жерден экинчи бир жерге жылууга акылары жок. Өз алдынча көчүп-конуп жүрүү жөнүндө сөз болуусу мүмкүн эмес».6

1206-ж. өткөн бүткүл моңголдук курултайда Темужин улуу каган болуп шайланып, Чыңгыз-хан деген наам алган. Ошол курултайда «бүткүл дүйнөнүн элдерин моюн сундуруу» ниети билдиртет. Кыргыздар курамына кирген «токой элдерин» багындырууга Чыңгыз-хандын улуу уулу Жучу аттанган. 1207-ж. «койон жылында Чжочи Оң канаттагы аскерлер менен токой элдерин багындырууга жөнөтүлгөн. Анын жол көрсөтүүчүсү Буха болгон… Ойрот, бурят, бархун, урсут, хабханас, ханхас жана тубастарды баш ийдиргенден соң, Чжочи түмөн-кыргыздарга каршы аттанды. Ошондо Чжочиге кыргыздын Еди, Инал, Алдиер, Өлөбек-дигин деген нойондору келишти. Алар каганга баш ийгендиктин белгиси катары ак шумкарларды, ак боз аттарды, ак булгун, кундуз терилерин тартуу кылышты. Чжочи моңгол бийлигине токой элдерин баш ийдиргенден соң, биз тарапка шибир, баит, тухас, тенлек, төөлөс, тас, бачжиги урууларын да каратты. Ал өзү менен бирге кыргыздын түмөн башы, миң башы нойондорун, токой элдеринин нойондорун алып, Чыңгыз-ханга өздөрү алып келген ак боз ат, ак шумкар, ак киш терилерин тартуу кылуу менен бирге, моюн сунгандыктарын билдирүүнү буйруду».7 Кыргыз бектери наймандардын жана башка кошуна уруулардын кайгылуу тагдырын көрүшүп, урушсуз баш ийип беришкен эле. Жучунун өргөөсүнө, андан Чыңгыз ханга өтө бай тартуулары менен кыргыздын нойон түмөн башчылары, миң башчылары, алардын ичинде бир аймактын башкаруучу иналы жана башка майда бектери келишип, «өздөрүнүн моюн сунгандыктарын билдиришти». Башка бир маалыматтарда Чыңгызхан ошол эле жылы кыргыздарга өз элчилерин жөнөтөт. «Чыңгызхан өзүнүн Алтан жана Букра деген элчилери аркылуу бул эки башкаруучудан баш ийүүнү талап кылды. Алар (кыргыздар) элчиликке жооп иретинде өздөрүнүн үч эмири УрутУтужу, Элик-Тимур жана Аткиракты кичүүсү улуусун сыйлагандыктын белгисин билдирген ак шумкарлар менен кошо жөнөтүштү».8 Моңголдорго согушсуз баш ийип беришкен кыргыз бектери өз жергесин бир аз убакытка кан төгүүдөн куткарышкан эле. Бирок, «баш ийип берүүнүн негизги талабы» моңгол армиясына аскер берүү милдети, б.а. «кан салыгы» болгон.

Моңголдордо кыргыз жоокерлеринин күчүн пайдалануунун зарылдыгы XIII к. 20-ж. келип чыкты. 1217-ж. «кыргыздардын чегине жакын жашаган согушчан жана тынчы жок» туматтар көтөрүлүш чыгарышкан. Чыңгызхан «баарин уруусунан чыккан Наянойонго (ошол жакка) аттанууга буйрук берди. (Анын) ооруп жаткандыгын билдиришти. (Ошондо) ал Борагул-нойонду жөнөткөн эле». Моңголдор «чоң согуш ачышып туматтарды баш ийдиришти». Бирок, бул согушта Барагул-нойон курман болот. Туматтар өтө кекчил жана тынчы жок эл болушкандыктан моңголдор алардын көпчүлүгүн кырып салышты».9 Хушин уруусунан чыккан түмөн башчы Борагул-нойон моңгол аскерлеринин «оң канатынын башкы эмири болгон». Чыңгыз-хан өзү кадырлап, сыйлаган Борагулнойондун өлүмүн укканда: «Борагулдун өлүшү мүмкүн эмес, мындай болбойт, мен анын өлүмүнө ишенбеймин» – деген экен.10 Мындай барктуу аскер башчысынын өлүмү моңгол аскерлери үчүн чоң сокку эле. Ошондуктан, Борагул өлгөндөн кийин туматтарга каршы Дорбо Докшин-нойон жетектеген жаңы аскерлер жөнөтүлөт. Ал «жоокерлерине балта, кескич, араа ж.б. куралдарды таратып… өгүздөрдүн изи менен токойду кыйып, жол салууга буйрук берди. Алар жол салып тоо башына чыгышып, бейкапар жатышкан туматтарды басып алышты».11 Туткунга түшкөн жүз үйбүлө тумат Борагул-нойондун бүлөсүнө кулдукка берилген. Бирок, туматтардын күчү али майтарыла элек болучу. Кийинки, 1218-ж. «…барс жылында Баргужин-Токум менен Байлуктагы туматтардын бир уруусу көтөрүлүш чыгарганда, алар (моңголдор) көтөрүлүштү басуу үчүн туматтарга жакын жашаган кыргыздардан аскер (черик) сурашты; кыргыздар буга каршы көтөрүлүш чыгарышты».12 Болжолу, туматтардын козголоңу кыргыздарды да шыктандырган болуу керек. «Чыңгыз-хан аларга Жочи башында турган аскерлерин жөнөттү. Алардын (кыргыздардын) жетекчиси Курлун эле; (моңголдордо эмир деп аталат) Ноко алдыңкы аскерлери менен аларга каршы аттанды; Ал кыргыздарды чегинүүгө мажбур кылып, сегизинчи дарыядан кайтып келди». Курлун башында турган кыргыздар моңголдор Саян-Алтайдагы үстөмдүгү үчүн эң коркунучтуу күч эле. Ошондуктан, кыргыздарга каршы моңголдордун башкы күчтөрү жөнөтүлгөн болучу. «Жочи жакындап келгенде Кэм-кэмжиуттун музу тоңуп калган экен. Ал муз болуп тоңгон дарыядан өтүп, кыргыздарды баш ийдирип, кайтып келди».13 Минусин ойдуңуна жасаган чабуулунда Жучу кыргыздар менен катар, кыштымдарды да баш ийдирген, «Кянь суусунан төмөн карай … бурулушту. Кэргис, ханхас, телян, кэшдим, хоин жана ирган деген уруктар баш ийдирилди». Бул жүрүштө «кайра кайткан» Жучу «кыргыздардан бир айлык жолдогу аралыкта жашаган уруулар (урасут, теленгут, куштеми) жашаган аймактарды басып өтүп», ал «бул уруктарды да моюн сундурду».14 Мындан моңголдордун согуш менен Тува, Минусин ойдуңун, Тоолуу жана Моңгол Алтайын басып өтүшүп, «токой элдерин» баш ийдирүүгө бир ай жумшагандыгын көрүүгө болот. Бул жүрүштүн жыйынтыгында Минусин ойдуңу каңгырап ээн калды. Кыргыз калкынын бир бөлүгү курман болуп, экинчи бөлүгү туткундалып кеткен, дагы бир бөлүгү алыскы токойлуу-тоолуу аймактарга баш калкалашып, калгандары болсо адам колу жеткис түндүк аймактарга журт которууга аргасыз болушту. Моңгол доорундагы кыргыз маданиятынын үлгүлөрүнүн таралуусу жана анын салыштырма салмагы «сууктэр» доорундагы эстеликтерден аздык кылат. Ошол эле учурда кыргыздар жашаган түндүк аймактарынын чектеринде, Чулум дарыясынын бассейнинде кыргыз көрүстөндөрүнүн арбын кездешиши, көчмөн кыргыздардын түндүктөгү токойлуу түздүктөрдү өздөштүрө башташын аныктайт. Кыргыздар зор жоготууларга учурагандыгына карабастан, өздөрүнүн негизги жашаган аймактарында кала беришкен жана моңгол хандары дайындаган бектер тарабынан башкарылган. Энесайлык кыргыздардын маданиятынын өз алдынчалыгы өнүгө берген. Саян-Алтай, кыргыздар жашаган аймактар Жучу-ханга «улус жана журт» катары берилген. Бул аймактар Моңгол империясынын түндүк-батыш чектери болуп калган эле. 1226-ж. Жучу-хан өлгөндөн кийин, бул жерлер улуу ханга, Чынгызхандын кенже уулу Тулуйхандын энчисине тийген. 1229-ж. такка олтурган улуу каган Угэдэй баш ийген урууларды «тынчтандыруу» максатында меркиттер менен кыргыздардын тектүү кыздарына үйлөнгөн, бул жергиликтүү башкаруучулар менен түзүлгөн династиялык келишим эле. Угэдэйдин төртүнчү «башкы аялы» кыргыз «цзилицзиси-хутени» Жачин болгон. Бирок кыргыз жерлериндеги чыныгы бийлик тизгини керейлерден чыккан Тулуйхандын жесири Соркуктанибегинин колунда эле. Ал Ангара жана Эне-Сайдан төмөн карай Алафхия, Адутан, Мангу, жана Балаурнан тарапка аскер жөнөткөн. «Соркуктани-беги үч эмирди: карчукур уругунан Тунликти, кара-тут уругунан Бахжуну уругунан Мункур-Хитнаны миң адамды кошуп, кайык менен жөнөттү. Алар Жээкке (өлкөнүн ичинен) көп күмүш алып чыгышты. Бирок, баарын кайыктарга батыра алышкан жок. Бул аскерлерден болгону 300 адам гана кайтып келди, калгандары сыздан, бөтөн жердин аба-ырайынын таасиринен улам курман болушту. Үч эмир аман-эсен кайтып келишип, узак жашашты».15 Күмүш үчүн жиберилген аскерлер Батыш Сибирдин саздуу аймактарына жөнөтүлүүсү ыктымал; ошол учурдагы обдук угрлардын сыйынчу жерлеринде сырттан алынып келинген көптөгөн күмүш идиштер топтолгондугу айтылат. 1241-ж. улуу каган Угэдэй көз жумгандан кийин, Гуюк-хан улуу каган болуп калат. 1251-ж. улуу кагандын тактысына Соркуктани-бегинин уулу Мункэ-хан олтурат. Ал Буха-нойонду «эки түмөн аскери менен кыргыздарга жана кэм-кэмжиутка» болжолдуу толкундоолорду болтурбоо үчүн жөнөткөн. Кыргыздар турган аймакта моңгол аскер бөлүктөрү болгон эмес, алар өз жетекчилери (хандары, бектери) тарабынан башкарылып турган. 1252-ж. Соркуктани-беги көз жумгандан кийин, Саян-Алтай анын уулу Ариг-Буганын ээлигине баш ийип калат. «Анын жайлоосу Алтайда, кыштоосу Теке жана Кыргызда жайгашкан эле. Алардын ортолугунда үч күндүк жол жатат».16 Минусин ойдуңунда кыштаган Ариг-Буганын ордосу кыргыздардын жашаган жерлерин кысымга алуусу керек эле. 1260-ж. Мункэ-хан өлгөндөн кийин Ариг-Буга моңгол империясынын борбору Каракорумда улуу каган деп жарыяланган. Кытайдагы моңгол аскерлерин жетектеген бир тууганы Хубилай Ариг-Буганын бийлигин тааныгысы келбей, аскерлерин ага каршы жөнөтөт. Ариг-Буганын аскерлери жеңилип калат. «Ариг-Буга жана анын аскерлери качышып, кыргыз жерине кайтып келишти». Ал жерде «жеңилгендигине ызаланган Ариг-Буга туткундарды кырып салып, кыргыз жерине бекемделип туруп калды». Жаңы аскер жыйнаган Ариг-Буга Тангут жерине аларды жиберип, анда да жеңилип калды, «аскерлердин калгандары качып-тозуп, кыргыздар чегинде турган Ариг-Буга менен биригишти…

Корккондугунан акылын жоготкон Ариг-Буга чарчап чаалыккан, ачка аскерлери менен Кэм-Кэмжиуттагы дарыянын чегине келип…, кагандын келишинен корккондугунан (ага) элчи жиберип, кечирим сурады».17 Баш ийген уруулардын адам ресурстарын түгөткөн Ариг-Буга согушту уттуруп койгондугуна ынанып, 1264-ж. Хубилайдын колуна түшүп берет. Ариг-Буганын башкарган мезгили, Минусин ойдуңунда жана Тувада моңгол аскерлеринин туруп калышы, ич-ара согуштарга жергиликтүү элден аскерлерди алуу, «кыргыз жергесине бекем орношуп калуу» үчүн келген «чарчап-чаалыккан жана ачка калган аскерлердин» чегинүүсү, кыргыздардын экономикалык жана саясый абалына терс таасирин тийгизди. Кыргыздар Саян-Алтайдагы үстөмөн этнос болуудан калып, бул орунду моңголдор ээлеп алышты. Ариг-Буга жеңилгенден соң, кыргыз жерлери Юань империясынын карамагына өтөт. Алар борбору Каракорум болгон Лин-бэй провинциясынын курамына кирет. Кыргыз жерлери бир нече административдик бирдиктерге бөлүнүп калат. Алар: Туванын талаа аймактарындагы Кяньчжоу жана Иланьчжоу, Минусин ойдуңундагы түмөн Кыргыз жерлери эле. Алыскы токойлуу-тоолуу аймактардагы Ханьхэна, Усы, Анкэла жерлери өзгөчө аймактар катары эсептелген. «Юань династиясы келгенден соң бул элди (цзилицзиси) тогуз миң түтүнгө бөлүп коюшту»18. Бул фактылардын негизинде кыргыз нойонунун кол алдында тогуз миң жоокер болгондугун билүүгө болот. Монгол империясында миң башылар алтын жалатылган күмүш күбөлүгүн – пайзаны алып жүрүшкөн. 1846-ж. Хакас-Минусин ойдуңунан моңголдун алтын тамгалары түшүрүлгөн эки күмүш пайза табылган.19 Бул табылгалар кыргыздардын моңголдорго көз каранды болгондугун, кыргыздарды башкаруу үчүн моңголдор миң башыларды койгондугун байкоого болот. Кыргыздар Жучу-ханга вассалдык көз карандылыктан, Ариг-Буганын мезгилиндеги кыштоо менен камсыз кылуу жана аскерге милдеткерликтен айырмаланып, Хубилайдын тушунда туруктуу административдик башкаруу системасына баш ийип калышат. 1270-ж. Юань императору Хубилай СаянАлтайдын бир катар аймактарына «алыскы жерлерди биротоло тынчтандыруу үчүн» теги кытай Аю Хао-лини акимдикке дайындайт. Бирок, Ариг-Буга жеңилгенден кийин деле Хубилайга моңгол төбөлдөрүнүн бир бөлүгү каршы болучу. 1269-ж. Таласта болуп өткөн моңгол төбөлдөрүнүн курултайында Ариг-Буганын союздашы Хайдуну хан деп жарыялашат. Моңгол хан өргөөсүнө келген моңгол эмирлери менен ханзаадалары Хайдуга келип баш ийип жатышты: «Буга чейин бизди Борак-ака башкарчу, эми биздин ханыбыз Кайду-ака болсун деп жатышты».20 Хайду Саян-Алтай жана Моңголиядагы жерлерге ээлик кылууга аракет кылды. 1273-ж. Хайдунун бийлигин жактаган кыргыздар Юань акимине каршы көтөрүлүш чыгарышты. «Түндүктөгү бектер козголоң чыгарышып, Хао-ли аз жерден өлбөй тирүү калган. Алардын аскер башчысы Хао-ли калкка калыс мамиле жасагандыгы үчүн аны бошотуп жиберген.» 1276-ж. Моңголияга Хайду-хандын аскерлери чоң жүрүш жасашкан эле. Кыргыз беги Юань акимине ачык каршы чыга албай, айлакерлик кыла баштайт. 1279-ж. кыргыз беги Лю Хао-ли менен сүйлөшүүлөр жүргүзөт. Ал: «Император мага ишенгиси келбегендиктен бүгүнкү кырдаал келип чыкты» – дегенде, Хао-ли: «Эгер император сизге ишенбесе, сизди сарайга чакыргандан соң, кайра артка жөнөтмөк эмес?» – деп жооп берет. 1280-ж. Лю Хао-ли жергиликтүү калктан коркунуч болорун сезип, «өзүнүн көп сандаган кишилерин алып, аскерлердин келишин коктуда күтүп жатты». Бирок жардам келбей «козголоң чыгарган бектин аскерлери (аны) жеңип алды». Татаал абалда калган Лю Хао-ли кар баскан тоолор аркылуу «Алтай тоо кыркаларына чегинген эле».

Мындай оор абалда калган юань акими кооз кийимкече берип, козголоң чыгарган бектин миң башысын сатып алып, «Теби-Шанга кокту жолдор менен миң кишини Жетектеп өтүп кетти» жана ал Кытайга аман-эсен жетип барды. Кыргыздардын Хайдунун тарабына өтүшүнүн себептеринин бири – кыргыздарды империя тарабынан өлкөнүн туш тарабына аскер айылдары кылып көчүрүп жиберүүсү, этностун башка элдерге жуурулуп кетүү коркунучу себеп болуусу мүмкүн. Аскер айылдарындагы абал өтө оор болгон, «1283-ж. Туле-Тудагы жашаган оокаттуу кишилерге берилчү 600 баш бодо малды кедей кыргыздарга таркатып берүүгө буйрук берилген».21  1286-ж. Хайду-хан Моңголияга чоң жортуул уюштурганда кыргыздар анын бийлиги астында калат. Тук-Темир нойон «кыргыздарга жортуул жасаарда», алар Хайдуга баш ийип калышкан болучу.

Хайдунун ийгиликтери Юань империясындагы ички карама-каршылыктарды пайда кылды. 1287-ж. Хубилайга каршы Манжуриянын акими Наян козголоң чыгарды. Козголоңду басуу үчүн Борбордук Моңголиядан кыргыздардан куралган аскерлер жиберилген эле. Мунун алдында, «1289-ж. Хэлиндеги жашаган кыргыздардын үй-бүлөлөрүнүн жашоо шартын текшерип чыгышкандан соң, абалы начар үй-бүлөлөргө жардам берилди, андан соң, Хэлиндеги турган циэрцистердин (кыргыздардын) аскерлерин кыпчак Тутуха жетектеп, Наяндын козголоңун баскан. Наяндын козголоңу басылгандан кийин, «өз ыктыяры менен туткунга түшүп берген кыпчак жана канглылар Тутухага берилген. 10 миң түтүндөн турган Халаду департаменти негизделген. Өтө кеңири аймактарга чачыраган кыпчак айылдары жана Аньсинин бардык уруулары менен вандары Тутуханын башкаруусуна баш ийдирилди». 1292-ж. анын аскерлери Хайдуга каршы жөнөтүлгөн эле. «1292-ж. Тутуха Алтай тоолорундагы жерлерди талап-тоноду… Артка кайтканда Хэлинге (Каракорумга) кайрыла кеткен. Ушул жерден ал кыргыздарга (цзилицзиси) ээлик кылууга буйрук алды. 1293-ж. жаз айларында анын аскерлери Цяньхэ дарыясынын жээгине чыгып, муздун үстү менен бир канча күндөр жол жүргөндө гана алардын (кыргыздардын) чегине жетишти. (Тутуханын армиясы) бул беш уруулуу элди ээлеп, кайтаруу үчүн моңгол аскерлерин жайгаштырды. Тутуха жетишкен ийгиликтерди билдиргенде, анын кызмат даражасы жогорулатылды… Хайду кыргыздарды куткаруу максатында Цяньхэ (ЭнеСай) дарыясы тарапка аскер жөнөтөт. Тутуха бул аскерди талкалап, аскер башчысы Хайду Болочаны туткунга алды»22 Кыргыз жерлери Юань империясына кайрадан баш ийдирилген болучу. Кыргыздардын бир бө лүгү Минусин ойдуңунан жана Тувадан Манжурияга коз голоңчу Наян нойондун ээлигине көчүрүлгөн эле. 1293-ж. бул жерлерге «усухань, ханас, цзилицзиси (кыргыздар) Урууларынын өкүлдөрү көчүрүлгөн». Хубилайдын атайын буйругу менен кыргыздар жана башка уруулар аскер айылдары катары жаңы негизделген Чжаочжоу шаар ына отурукташтырылган. 1293-ж. ага (Хара-батарга) кайрылып, император Ши-цзу (Хубилай) мындай деп айтты: «Наянга таандык бул байыркы жерлер Абалху деп аталат жана балык берип турушат. Азыр мен ал жерге шаар тургузуп, анда үч уруу элди жайгаштырдым. Алар юаньсухань, ханастар жана цзилицзистер (кыргыздар). Бул шаар Чжаочжоу деп аталып калды. Сен ошол жакка жөнөп, сюаньвэйщинин (аймактык башкаруучу) кызматын алгын». Кыргыздардын башка бир бөлүгү «Хэсыхэ жерине», Манжуриянын дагы бир башка аймагына жайгаштырылган. «1293-ж. Ши-цзу (Хубилай) Хэсыхэ жерине аскер айылдары катары чжирхэхусотайлык цирциздердин (кыргыздардын) 700 үй-бүлөсүн отурукташтырган».23 Бул аракеттер козголоң чыгарган урууларды бөтөн этностук чөйрөлөргө көчүрүп, алсыратуу жана алардын үстүнөн көзөмөл кылуу үчүн жасалган чаралар эле. Бул чаралар император Хубилай өлгөндөн кийин да аткарыла берген. Император Тэмур башкарган тушта, «1295-жылы Цзиньшань (Алтай) аймагында жашаган кыргыздар Шаньдун аймагына көчүрүлүп, аларга эгин талааларын, урук жана бодо мал бөлүп беришти».24 Бул көчүрүүлөр Эне-Сайдагы кыргыз этносуна аябагандай зор зыян алып келди. Алардын саны өтө азайып, чогуу жашаган жерлери кескин кыскарып кеткен. Ортолук ЭнеСайдын түпкүлүктүү калкынын салыштырма саны азайган эле. Бош калган жерлерге моңголдордун кереит, ордут, тумат уруулары көчүрүлүп келген. Кыргыз өлкөсүнө Кытайдан кол өнөрчүлөр алынып келинген. Моңгол бийлиги кыргыздарга каршы күрөшүүдө жогорудагы күчтөргө таянууга умтулса керек. Айрым эстеликтер кыргыздар көчүрүлгөн жерлерден да табылганы маалым. Борбордук Моңголиядагы Каракорумдун айланасынан сөөктү өрттөп көмгөн кыргыз көрүстөндөрү табылган.

Юань императору Тэмур (1295–1307-жж.) башкарып турган мезгилде кыргыз жерлери аким Камала ээлик кылган Лин-бей провинциясына кирген: «Ал Каракорум, Онон, Керулен, Кемкемжиут, Селенга, Баялык, андан кыргыздардын чегине, Чыңгызхандын улуу коругу аталган Бурхан-Халдунга чейинки аймактарды башкарат».25

Кыргыздардын бир бөлүгү көчүрүлгөн Саян-Алтайдын аймактарына моңголдор башка этникалык топтордун өкүлдөрүнөн аскер айылдарын негиздешкен. XIII  к. чегинде мындай айылдар Тувада, болжолу Минусин ойдуңунда да уюштурулган. Бул жерлерге моңголдорду, уйгурларды, ошондой эле кытайларды да отурукташтырышкан. Мындай аскер айымары XIV к. баш чендеринде император Тэмур көз жумуп, анын ордуна Хулуг-хан (1308–1322-жж.) олтурган мезгилде да уюштурула берген. Ошол мезгилдерде энесайлык кыргыздардын жери Юань империясынын курамында кала берген.

XIV к. аягында Юань империясынын кулашы менен Саян-Алтайдагы административдик башкаруу системасы жана аскер айылдары өз жашоосун токтотууга тийиш болгон. Өз башкаруучулары бар кыргыз жерлери эми ойротторго көз каранды абалда калып, ойрот жана халхас (моңгол) хандарынын өз ара атаандашкан аренасына айлана баштайт.

3.2. «Хонгорай» этносаясий бирикмесинин түзүлүшү

Саян-Алтай, Моңголия курамына кирген Юань империясы ич ара чыр-чатактардан кулап, кыргыздардын үстүнөн болгон бийлиги жоюлат. Кыргыздар бул түзүлгөн кырдаалда өз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн аракеттене баштайт. Кыргыздар XIV к. аяк чендеринде чыгыш моңголдорго каршы күрөшүүдө түзүлгөн ойроттор менен биргелешкен союзда башкы абалды ээлешкен. Ойрот федерациясындагы кыргыз түмөнүнүн жетекчиси Угечи-кашка 1399-ж. өзүнүн ээлигине жаңы расмий аталыш берүүгө аракеттенген.1 XV–XVI кк. чегинде Ортолук Эне-Сайда моңголдордун амири менен туруп калышкан уруулар (тумат, урдут, керейлер ж.б.) да кыргыздар жетектеген «Хонгор» же «Хонгорай» деген этносаясый бирикменин курамына кирүүсү ыктымал. Мындай тыянакка келүүгө бир топ санда учураган жазма булактар, биринчи кезекте, XVII–XVIII кк. жазуу документтери мисал боло алат.2 Ошону менен бирге, Түштүк Сибирь элдеринин бай фольклордук мурастары Хакас-Минусин аймагынын эски аталышы «Хонгорай» экендигин баяндайт. Хакас тилиндеги үндүү тыбыштардын кыскарып калышынан улам, бул тарыхый ат «Хоорай» деп аталып калган.3 Бул ат баатырдык эпостордо, тарыхый санжыраларда жана поэтикалык тилде кеңири колдонулган.

Биздин пикирибизди колдогон, таанымал түрколог Б.И. Татаринцевдин пикири боюнча Хонгорай (Конгурай) сөзү Минусин ойдуңунун тоолуу-талаалуу аймактарынын географиялык аталышын аныктайт. Кыргыз мамлекетинин соңку орто кылымдардагы кайра жаралып жаткан доорунда «Хонгорай» деген ат менен бир аймакта жашаган, теги түркүн этникалык топтордун биригүүсүнүн саясий туусу болуп калды. Элдин мындай түрдөгү биригүүсү жергиликтүү элдин тилинде «толай» (толы, торо) – этносаясий биримдик дегенди аныктап калды. «Толай» термини «Хоорай» (Толай Хоорай) аталышы менен дайыма биргеликте колдонулган.

Кыргыздардын «Хонгорай» этносаясий бирикмесиндеги ээлеген орду өтө зор болгондугун XVII к. орус документтеринде Хакас-Минусин аймагы «Кыргыз жери» деген ат алгандыгы далилдеп турат. Айрым кошуна жашаган элдер, маселен, шорлор Хакасияны «Хыррыс-Хоорай» деп кош ат менен аташкан.

Кыргыз маданиятынын мураскорлору болгон хакастар тарыхый санжыраларда баяндалган «хоорайларды» кыргыздар менен жалпылыкта карашкан. Маселен, «Хыргыс чаазы» деген уламышта мындайча айтылат: «Хыргыстың тогыс муң толай хоорай чоны – Хоорайдын тогуз миң сандуу Кыргыз союзу».4 Мындан сырткары, хакас санжыраларында «тогуз миң Хоорай союзу» «тубён Хоорай» деп да баяндалары маалым. Фольклордун маалыматтары XIII к. тарыхый окуялар менен дал келет, анткени, моңголдор Саян-Алтайды каратып алгандан кийин, бул аймакта түмөн кыргыз аскердик-башкаруу бирдиги негизделген болучу. «Юаньши» жылнаамасы: «Юань династиясынын бийлиги орногондон кийин, бул элди (цзилицзиси) тогуз миң түтүнгө бөлүштү» – деп жазат.5 Жогорудагы жазма булактардын, элдик оозеки чыгармалардын маалыматтарынын негизинде кыргыздар XIII к. аягы – XIV к. баш чендеринде өз алдынча түмөндүктү түзүп, моңгол армиясы үчүн тогуз миң жоокер берип турган деген жыйынтыкка келүүгө болот. Дал ушул мезгилди «Хонгорай» этносаясий бирикмесинин түзүлүү мезгили катары кабыл алууга негиз бар.

Хонгорай деген ат орус жазма булактарында биринчи жолу XVII к. орто ченинде эскериле баштайт. 1666-ж. Краснояр воеводасы Алтын-хандын элчилери «Узан жана анын жан-жөөкөрлөрүнөн» Еренак Ишеев жөнүндө маалымат сураганда алар: «биз кыргыз Еренакты билебиз, ал Конгурайда Кыргызда көчүп-конуп жүрөт, салыкты биздин улуу падышабызга жана Лаузан тайшиге төлөйт» деп айтышкан.6 Бул булактан «кыргыздар» деген орус түшүнүгү менен түрк-моңгол тилдериндеги «Конгурай» (Хонгорай) сөзүнүн маанилеш экендигин байкоого болот.

Көпчүлүк элдер жана өлкөлөр кошуна жашаган элдерден өз энчилүү атына такыр дал келбеген аттар менен белгилүү болушкан. Маселен, Кыргызстан XVII к. орус булактарында «Бурут жергеси» деген ат менен белгилүү, анткени, жунгарлар теңир-тоолук кыргыздарды «бурут» деп аташканы маалым7. Тескерисинче, Жунгария орус булактарында «Калмак жергеси» деген ат менен белгилүү болгон; өздөрүн «ойротторбуз» деген жунгарлар «кара калмактар» деп аталышкан.

Хонгорай аты орустун дипломатиялык тилинде манжүр жана моңгол тилдеринен которулган каттарда колдонулган. Маселен, 1707-ж. Цинь өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча орус адамдары «Зенгорияга жакын жерде жайгашкан Хонгорай деген жерге Абакан чыңдоосун курушту. Ошол Хонгорай капчыгайында бизге салык төлөгөн кыргыздар менен урянхайлар жашайт».8

Бул энчилүү аттын туруктуу айтылышын бизге азыр анчалык түшүнүктүү болбой жаткан, тарыхый фольклордо баяндалган аталыштардан да байкоого болот. Маселен: Тиле Хоорай, Тӱктiг Хсюрай, Ал Хоорай, Тағ Хоорай, Чазы Хоорай, Хамых Хоорай ж.б.

Хонгорай этносаясый бирикмеси коомдук институттардын формалары толук өнүкпөгөн алгачкы мамлекеттик түзүлүш болсо керек. Белгилүү тарыхчы Н. Козьмин XVII к. кыргыздардын бирикмесин «ыдырап, кулап бараткан мамлекет» катары эсептеген. С. В. Бахрушин кыргыздарда мамлекеттүүлүк болгон эмес, анда патриархалдыкуруулук мамилелер гана үстөмдүк кылган деген башка көз карашты айтат. «Эне-Сайлык кыргыздарда патриархалдык-уруулук мамилелердин калдыктары үстөмдүк кылып турган мезгилде, – деп жазат ал, – мамлекеттик түзүлүштүн белгилери болгон деп айтуу мүмкүн эмес. Бирок, күч-кубаттуу мамлекеттер менен кошуна болуу аларды кыйын абалга койгон, ошондуктан түзүлгөн кырдаал Кыргыз жеринде өз алдынча жашаган уруулардын ич ара байланыштарын бекемдөөгө таасирин тийгизген».8 Ошону менен бирге, автор «Кыргыз жери» «саясый бир бүтүндүктү түзүп», Орусия менен болгон тышкы саясатында көз каранды эмес болгондугун танбайт. XVII к. баш чендеринде орус элчилери «Кыргыз жеринин» башкаруучусун «кирбиц падышасы» деп аташып, анын суверендүүлүгүн таанышкан.9 Кыргыздар орус кызмат адамдарына: «ар бир эл (уруу) өз жеринин ээси, бул жерге моңгол падышасы, ханзаадасы, моңгол жана калмак тайшилери согуш менен келишкен жок, аскерлерин да көрө алган жокпуз» – деп жооп беришкен.10

Географиялык жактан алганда Хонгорай же «Кыргыз жери» азыркы Хакас-Минусин аймагы менен дал келет. Орто кылымдардагы кыргыздардын үстөмдүгүн Саян-Алтайдын топонимикалык аталыштары да ырастап келет. Ушул маалыматтардын негизинде кыргыздардын мурдагы этникалык чегин сүрөттөп тактоого болот; алар: түштүкбатыштан – Абакандын жогорку агымындагы Кыргыз (Хыргыс-сур) дарыясы, түштүктөн – Батыш Саяндардагы Кургусук (Хыргыс-сур) дарыясы, чыгыштан – Чулум дарыясынын өрөөнүндөгү Кургусул (Хыргыс-чул) дарыясы жана түндүк-батыштан Томь дарыясынын өрөөнүндөгү Киргизка (Хыррыс-чул) дарыясы.11

Юань династиясынын жылнаамасында Кыргыз жериндеги дарыялар тууралуу төмөнкү маалыматтар айтылат: «Цяньхэ дарыясы (Кем – Енисей – В. Б.) алардын жери аркылуу түндүк-батыш тарапты көздөй агат, мындан сырткары, түштүк-батышта Апу (Абыран=Абакан – В. Б.) деген дарыя бар, ал эми түндүк-чыгышында Юсюй (Упсу=Упса же Туба В. Б.) дарыясы… Бул суулардын баары тең Цянь дарыясына кошулуп, Анкэла (Ангара – В. Б.) дарыясына агат, ал андан ары түндүктөгү деңизге куят».12 Төрт кылым өткөндөн соң, бул маалыматтарды орус булактары да ырастаган: «… Енисей дарыясы Кыргыз жери аркылуу агат: ал эми Енисейдин аркы жагындагы Абакан жана Уйбат дарыяларын жээктеп, ошол эле Енисейдин бойлорунда көп сандаган кыргыз… адамдары, ал эми Енисейдин берки өйүзүндө жана Упса дарыясы тарапта тубалар деп аталган кыргыздар турушат…»13

Саян-Алтайдын тарыхый топонимикасы абройлуу изилдөөчүлөрдүн Ортолук Эне-Сайдагы байыркы мезгилдеги мамлекет «Кыргыз» деп аталган деген пикирлерин тастыктайт. Ал аймактарда «хягас» же «хакас» деген топонимдин таптакыр болбогону «Хакасия» деген терминдин сырттан келип киргендигин дагы бир ирет айкындайт.

XVII к. Хонгорайдын түштүк чектериндеги БатышСаян («Саян ташы») деп белгиленген тоолордо Алтынхандын букаралары көчүп жүрүшчү. Ороним хонгор термини «Саянды» билгизет, ал «Тува тоолору» дегенди түшүндүрүп, бул тоолор кошуна турган эки элдин этникалык чек арасын аныктаган. Байыркы түрк эстеликтеринде жана X–XI кк. арап-перс жазма булактарында Саяндар «Көгмен» деген ат менен белгилүү болгон. Бул топонимдин формасы айрым өзгөрүүлөргө учурап, биздин мезгилге келип жетти. Тувадан Хакасияга келген байыркы жолдо (Аны дарыясы боюнча), Жебаш дарыясынын жогорку агымында орустар Копены деп атаган «Көйпен-Тасхыл» деген мөңгүлүү бийик чоку бар. Элдин эсинде сакталып келген байыркы түрк доорундагы Койпен топоними хакастардын Саян-Алтайдын эзелки жашоочуларынын мураскорлору экендигин аныктайт.

Хонгорайдын түндүктөгү чек арасы жергиликтүү тилде «үүс» (Июс) деп аталган жер Чулум дарыясынын ортоңку агымы ченден өтөт. Гидроним байыркы түрк тилиндеги «үгүз» дарыя дегенди аныктайт. XVII к. ичинде Кыргыз жеринин түндүктөгү чектери түштүктөгү Яя жана Кия дарыяларынан Кара Июска чейин, Мелет жана Краснояр чыңдоолорунан Огур дарыясына чейин жылган болучу.13

Административдик жактан Хонгорай төрт улуска жана ага тийиштүү кыштым капчыгайларына бөлүнгөн.

Кыргыз жеринин түндүгүндө Июс жана Типр-Көл (Божье озеро) өрөөндөрүндө Алтысар улусу жайгашкан. Бул аталыш хонгор тилинде «алгынзархы» – түндүк дегенди билдирет. Орус документтеринде алтысарлыктар (алтынсары) Эне-Сайдын төмөнкү агымында жашаган «төмөнкү кыргыздар» деп аталышкан. Моңгол жеңип алууларынан баштап, Кыргыз жериндеги саясый борбор Абакан өрөөнүнөн түндүккө көчкөн эле. Ак жана Кара Июс дарыяларынын ортолугундагы жерлерде тектүү бектердин өргөөлөрү жайгашкан. Ошондон улам, алтысарлыктар «Чоң кыргыздар» деген экинчи атка да ээ болушкан. Кыргыз улустары бектердин тукумдарына кирген айылдардан жана курамына карапайым калк кирген аймактардан турган. Жазуу булактары төмөнкү аймактарды эскерет: Кызыл, Камлар, Шуй, Ачин, Ыгин. Алтысар бектеринин кыштым капчыгайлары Чулум, Кия, Томь дарыяларынын өрөөндөрүндө, Кузнецк Ала-Тоосунун түндүк тарабындагы тоо кыркаларына чейин созулуп жатчу.

Исар (Езер, Жесар, Елисар) улусуна Хонгорайдын географиялык так ортолугунда, Эне-Сай, андан Абакан дарыясынын чаты, андан Огур дарыясына чейинки жерлер кирген. Бул аталыш хонгордун «iссархы» – ичкерки (мүмкүн «iскеркi» – чыгыштагы?) сөзүн аныктайт. Улустун негизги калкын «керейлер» жана «езерлер» түзгөндүктөн, орус документтеринде бул жер Езер же Кереит деп да аталып келген. Исарлардын бектери жашаган жерлери Ерба жана Абакан дарыялары кошулуп аккан жерлеринде жайгашкан. Езер аймактарынын ичинен Туба дарыясынын өрөөнү боюнча Камасин, Качин, Арин, Ястин, Хайтон (Кандынов), Сыда дарыясынын – Сый, Мана дарыясынын бою – Кашин жерлери болгон.15 Мындан сырткары, алардын кыштым капчыгайлары Эне-Сай дарыясынан төмөн карай, Убей, Мана, Кача ж.б. дарыяларды камтыган.

Алтыр (Олтыр) улусу Абакандын сол жээгинен, Уйбат жана Таштып дарыяларынын ортолугунда орун алган. Бул улус түштүккө карай Эне-Сайдын жогорку агымындагы аймактарды камтыган. Ошондон улам, бул улустун жашоочуларын орус документтери «Жогорку кыргыздар» деп аташкан. Энчилүү аттын келип чыгышы табышмактуу бойдон калууда. Бул аттын баштапкы мааниси этноним менен байланышы болуусу мүмкүн, анткени, Жунгарияга сүрүлгөн Алтысарлык кыргыздардын курамында «ортыр» аттуу урук болгон.16

Алтыр улусунун чегине Сагай, Четибур, Сарыглар, Ичеги, Белтир, Табан, Саян, Чыстар, Иргит, Хапхына ж.б. аймактар кирген.

«Кыштым жерлери» катары Томь, Мрассу, Кондом дарыяларынын өрөөндөрүндөгү Кузнецк Ала-Тоосунун токойлуу-тоолуу өрөөндөрү, Түндүк Алтайдан Телец көлүнө чейинки аймактар кирген.

Туба улусу Эне-Сайдын бүткүл оң өйүзүн, Саяндардан Сыда дарыясына чейин, Абакандын оң өйүзүндөгү талаалар кирген. Улустун борбору Упса (Упсу) дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан; орустар кийинчерээк бул жерди көп сандуу тубалардын атынан Туба деп атап калышкан. «Модар» аттуу башка бир ири уруу Саян тоо этектерин байырлачу. Айрым этникалык өзгөчөлүктөргө карабастан, модарлар жана тубалар кыргыз катары эсептелишип, «бир урукту, бир урууну түзүшкөн».

Туба улусунун курамына төмөнкү аймактар кирген: Байкот, Коль, Уштер, Каменно-Мотор же Койбал, Ярин, Бохтин, Алыт, Бугус, Алахам, Корнасхам, Бугачев.17 Сол жээктеги үч улус (төмөнкү, жогорку, ичкерки) географиялык багыттарды аныктап, Хонгорайдын территориялыкэкономикалык байланыштарынын көрсөткүчү катары кызмат кылган. Мындай түрдөгү аймактык-административдик бөлүнүү Кыргыз мамлекетинин тушунда да болуусу мүмкүн; анткени, IX к. «хягас падышасынын» (кыргыз ханы) башкаруусу үч жардамчы министр-беги аркылуу жүргүзүлгөн, ал эми, XIII к. кыргыздардын башында үч эмир турган.18

Ошентип, Ортолук Эне-Сай өрөөнүндө XIV к. аягындагы Моңгол империясынын кулаган доорун камтыган орто кылымдар доорунан XVIII к. баш чендеринде Орусияга каратылганга чейинки мезгил Хонгорайдын тарыхый этносаясый өнүгүүсү менен байланышкан.

3.3. Чарбасынын жана маданиятынын өзгөчөлүктөрү

Кыргыздардын чарбасынын негизин жергиликтүү табигый шарттарга ылайыкташкан жарым көчмөн мал чарбачылыгы түзгөн. Ортолук Эне-Сайдагы чарба жүргүзүүнүн мал чарбачылык багыты орто кылымдар мезгилинде эле калыптанган. 1253-ж. В. Рубрук «моңгомордон түндүк тарапта бир да шаар жок, ал жакта мал багуу менен кесиптенген Керкис (кыргыз – В. Б.) деген эл жашайт» деп кабар берген.1

Минусин ойдуңу Сибирдин эң байыркы мал чарбачылыгынын очогу болгон. Байлыктын негизин жылкылар, бодо мал, койлор түзгөн. 1667-ж. Алтын-хан Лоужан алтырлык кыргыздардан «алты миң жылкы, бодо мал, койлорун айдап кеткен».2 1689-ж. жунгар ханы Галдан Бошохту Кыргыз жеринен салык катары 20 миңдей баш мал алган.3

Жергиликтүү жылкы тукуму «кыргыз талаа» жылкылары деп аталган. Үйүрлөр жыл бою тоолуу-талаалуу жерлерде багылчу. Жылкы мингич жаныбар жана согум катары пайдаланылган. XVII к. экинчи жарымындагы орус документтеринде Галдан Бошокту-хандын жунгарлары «өгүз минишет, ал эми кыргыздар болсо атты пайдаланышат» деген маалыматтар бар.4 XIX к. Батыш Туванын калкы өгүздөрдү мингич катары пайдаланышкан. Алардан айырмаланып «кыргыздар, алтырлар, тубалыктар жана моторлор, точи жана саяндар, моңголдор жана буряттар баары тең түгөл… жылкы минишет»5

Малчылардын тамак-ашында жылкы эти кеңири пайдаланылган. XVII к. 80-ж. Абакан өрөөнүнө атайын жайгаштырылган жунгар аскерий кошууну «кыргыз улустарындагы кыргыздардан тартып алынган эки миң жылкыны жеп коюшкан».6

Унаа аттар кыш мезгилинде аркандалып, байланып – «оргенде» турчу. Күз айларында айылдын жанына казыктар кагылчу. Бир жылкы үчүн эки аркан аралыктагы 40 казык кагылган. Кыш мезгилинде бул казыктарга колдо кармалган жылкылар байланып турчу. Хонгорайдын талаа аймагында төө багуу менен кесиптенишкен. Төөлөр алыска көчүү учурунда, жүк ташуу үчүн пайдаланылган. 1641-ж. Я. Тухачевскийдин Кыргыз жерине уюштурулган жортуулунда Алтысар жана Исар улустарынан 158 төө олжого түшкөн. 1703-ж. жунгар сүргүнүндө төөлөрдүн көпчүлүгү калктын негизги бөлүгү менен кошо айдалып кетүүсү ыктымал.

Минусин ойдуңунун жарым кургакчыл талаа шартындагы мал чарбачылыгынын өнүгүшү сезондук жайыттарга көчүп-конуп жүрүү менен байланышкан. XVII  к. орус документтери: «Кыргыз жериндегилер көчмөн калк, алар боз үйлөрдө турушат, тон кийишет, тамагына балыкты да пайдаланышат, аңчылык кылышат, жаа менен согушушат, … жылкы, кой жана бодо мал абдан көп, эгин айдашпайт» – деп кабар беришет.8 Хонгорайдын мал багуучулары жылдын мезгилдерине карата жайытты төрт ирет алмаштырышкан. «Кыргыздар тынбай көчүп жүрүшөт, – деп жазылган орус документтеринде, – кыш мезгилинде… Енисей жана анын аралдарында кыштап чыгышат».9

Жайыттарга көчүү мурда аныкталган жолдор менен жүр гүзүлгөн. Көч мезгилинде үй мүлкүн атка же өгүзгө жүктөшкөн. Маселен, боз үйдүн мүлкү үч жылкыга жүктөлгөн.

Хонгорайдын талаалуу жерлеринде дөңгөлөктүү арабалар да колдонулган. Орус булактары бир канча ирет «кыргыз чийне арабалары» жөнүндө кабар беришет. Маселен, 1638-ж. Алтын-ханга жөнөтүлгөн В. Старковдун элчилиги: кыргыз арабаларынын жардамы менен Абакан дарыясына өтө кыйынчылык менен көтөрүлдүк, жарым жолду жөө бастык, анткени, бизде араба аз эле…»

Кыргыздар кышка чөп даярдашчу эмес. 1684-ж. орус булактары: «алардын жайыттарында кар аябай аз түшкөндүктөн, кышка чөп даярдашпайт» – деп жазат.10

Кыргыздар боз үйлөрдө – «ибдерде» жашаган. Маселен, Улагач бек менен болгон согушта 1704-ж. орустар «түркүн буюмдары менен жасалгалуу боз үйдү колго түшүрүшкөн».11

Хонгорайдын талаа аймактарында жамааттык аң уулоо – «аб» деп аталган. Ага айылдын бүт калкы катышчу.

Буга байланыштуу келип чыккан хакас макалдары сакталып келет: «Аал куннщ абы тр, аал-хончыхтың хобы тр» – «Айылдын жалпы жамааттык аңы бар, кошуналардын бирдей ушагы бар». XVIII к. жамааттык аң уулоо Г. Ф. Миллер тарабынан терең талданып жазылган. Ал арасында аялдар менен балдар болгон 300–400 адам аттанышып талаага аңга чыккандыгын көргөн. «Алар алгач, бири экинчисинен аралыгы 100 кадам катарды түзүшкөн. Андан соң, эки канат акырындык менен бири-бирине жакындай баштайт. Атчандардын катары алдыга карай жылганда зор айлана пайда болот. Аң уулоого чыккан жамаат тарабынан шайланган башкаруучу баарынан алдыда жүрөт. Анын оң жана сол канаттагы элди башкаруу үчүн эки жардамчысы болгон… Эки канат биригер замат, аңчылар тарабынан кыйкырык, чуру-чуулар чыккан. Ошондо болжолдуу кармалчу аң чочуп кача баштайт…

Аңчылардын башчысы бир нече мыкты мергенчилер менен ортого чыгып, жапайы жаныбарларды ата башташкан… Айрым учурда аң уулоонун айланасын бир, кээ бир учурда эки ирет курчашкан. Бир жолку аң уулоо жүрүшүндө, айланып курчоо үчүн 10 чакырымга чейин жол жүрүшкөн. Атылып алынган аң бир жерге жыйналып, ортодо тең бөлүнүп алынган».12 Жамааттык аң уулоодо байыркы жамааттык мамилелер сакталып калган. Мындай түрдөгү аң уулоо орто кылымдардагы Хакасияда өтө кеңири таралган. Маселен, Алтын-ханга жөнөтүлгөн орус элчиси С. Грек мындайча белгилеген: «Декабрдын жыйырмасында Алтыр улусу жайгашкан Уйбат дарыясына келдик, бирок андагы элдин баары тең аң уулоого чыгып кетишкен экен…»13 Аң уулоо абдан татаал болуп, көп күчтү, эмгекти талап кылган. Бекер жеринен жергиликтүү калк: «аялдын күчүн бала, эркектин күчүн тайга алат» деген макалды айтышпас чыгар.

Татаал сугат системалары менен байланышкан соко менен жер айдоо Кыргыз каганатынын дооруна таандык. Эски сугат канал курулуштары азыр да «хыргыс арыглары» деп аталат. Орто кылымдардын соңку мезгилдериндеги орус булактары Хонгорайда «эгин талааларынын» болгондугун кабарлайт. Ал жерлерге тоолуу-токойлуу аймактарда жайгашып, таруу жана кырлык (таруунун бир түрү) себилген.14 Жер иштетүүнүн негизги куралы катары кетмен сымал «абыл» колдонулган. Абылды шор темир усталары жасаган. Абыл менен тоо жана дөңсөөлөрдүн күнгөй тараптары иштетилген. Бул эгин талаалары сууну талап кылган эмес, анткени, мөңгүнүн эриген суусу нымдуулукту камсыз кылып турчу.

Кыргыздар тамак-ашында жапайы өскөн жер-жемиштерди жана жегенге жарамдуу өсүмдүк тамырларын кеңири пайдаланышкан. Жай айларынын баш чендеринде аялдар менен жаш балдар кандык жана сарананы жыйнаганга чыгышчу. Аны кыргыз кыштымдары тарабынан атайын жасалган «озоп» деген курал менен казып алыша турган. Бир үй-бүлөгө беш капка чейин кандык жана сарана даярдашып, жууп-тазалагандан кийин кургатып, таңгактап салышкан. Кургатылган тамырларды жаргылчакка тартышып, анын унунан ботко даярдап, нан жасашчу. 1660-ж. орус элчиси С. Грек: «Кыргыздарда, Тубада, Керейлерде, Алтырда көп туруп калууга туура келди, жергиликтүү элден мал, кой, сүт, шак, тартылган ун, сарана жана кандыкты, ж.б. өсүмдүк тамырларын кымбат баага сатып алууга аргасыз болдук».15

Хонгорайдын тоолуу-токойлуу аймактарынын жашоочулары темир кенин казып алышып, чебер темир эритүүчүлөр катары атагы чыккан. «Хура» деп аталган анчалык чоң эмес темир эритчү мештер кышында жашоочу үйлөрдүн ичине орнотулган. Темир кенин соку менен майдалап, бир аздап көмүр аралаштырып, мештин төбөсүндөгү тешиктен салышкан. Эки көөрүк менен үйлөп, мештеги жогорку температураны камсыз кылышкан. Бир жолку эритүүдөн 1,5 кг. темир алышчу. Темир усталар бычак, кылыч, жебе учтарын, туулга жана малга эн салуучу тамгаларды басышкан. Өзгөчө көкүрөктү тосуучу калкандар-куяктар баалуу болгон. 1657-ж. Алтын-хан Лоужан-тайша кыргыздарга жана алардын Кондом волостундагы кыштымдарына «Лоуясанга 1000 куяк, ал эми Мрасстын жашоочуларына 1000 куяк» жасатууга буйрук берген.16

Кыргыз зергерлеринин жасаган буюмдарынын атагы алыска кеткен. Күмүш буюмдарын жасаган зергерлер сөйкө, билерик, оттук, ээр токум жасалгаларын ж.б.у.с. буюмдарын даярдашкан. XVII к. орус документтери «кыргыздарда, туба, алтыр, кереит жерлеринде… зергерлер кытай күмүшүнөн жүгөн жасалгаларын даярдашат жана темирге күмүш чегеришет, түрлүү буюмдар аябагандай көп» – деп жазышат.17

Хонгорай Моңголия, Кытай, Сибирь хандыгы жана Орто Азия менен тыгыз соода-сатык иштерин жүргүзүп турган. Кытайдан (Ортолук Эне-Сайдан Кытайга чейин төрт айлык жол болгон) жибек кездемелери, фарфор идиштери, сыр идиш-аяктары жана башка товарлар келип турган. Хонгорайда бухаралык, кытай жана түрк соодагерлери жашаган. Кыргыздар Азиянын базарына аң тери, мускус, курал-жарактарды, темир буюмдарды ж.б. чыгарып турушкан.

Тектүү кыргыздар сырттан келген сабаттуу будда монахтарынан, ошондой эле, Моңголияда жана Жунгарияда билим алышкан. Белгилүү бек Еренак Ишеев Жунгариядан билим алгандыгы маалым. 1884-ж. ал Красноярга «калмак тилинде жазылган» кат жөнөткөн.18 Изилдөөчүлөргө анын үч каты, ошонун ичинен, моңгол тилинде орус падышасына жазган каты белгилүү.

Диний түшүнүктөрү жагынан кыргыздар бүткүл орто кылымдар бою шаманчылыкка ишенген бойдон калышкан. Алар кайтыш болгон адамдарын өрттөө салтын колдоно беришкен. Маселен, 1662-ж. орустар менен болгон согуштан соң, кыргыздардын «жоокерлери чегинип жатышып, курман болгон жоокерлерин өрттөшкөн».19

XVII к. Хонгорайга Алтын-хандардын жана жунгар хунтайжыларынын таасири астында буддизм көбүрөөк кире баштаган эле. Маселен, 1633-ж. Дайн Мерген Ланза деген «Тангут жеринен келген лаба (лама)» Алтын-хандардын тапшыруусу боюнча Хакасияга келген. Ал Алтынхандардан Хонгор жергесине өзүн «диний ишмер» катары дайындоону өтүнгөн.20 Еренактын жана анын мураскору Шорло Мергендин тушунда Хакасияга Жунгар хандыгынан «калмак ламалары» тез-тез келе баштаган.21 Туба дарыясынын боюнда жайгашкан Шалаболин жазуусунда Атактуу хан Галдан Бошоктунун тапшыруусу боюнча жергиликтүү бек менен будда ламасынын ортосунда моң гол тилинде түзүлгөн келишимдин тексти бар.22 Хонгор бектери Хакасияда будда динин таратууга багыт алышкан болуу керек. Алардын бири «Номчы», б.а. ыйык жазуунун билерманы деген ат алып жүргөн.

Алгачкы будда храмдарынын, кумирен жана субургандардын курулган мезгили XVII к. таандык болуусу ыктымал. Субургандардын бири Уйбат жана Кискач дарыяларынын жогорку агымы тарабында болгон, ал 1986-ж. археолог Я. И. Сунчугашев тарабынан казылган.23 Ал жерден эки будда статуэткасы, субургандын пайташынан 150 м. түндүгүрөөктө аскага чегилип жасалган оюкта будда белги-символдору чийилген сыйынуучу жай табылган. Бул жерлер хакастарда бүгүнкү күнү да «суурган» – субурган деп аталып келет.

Минусин ойдуңунан 20дан ашуун будда статуэткалары табылып, алардын баары Минусин аймактык музейинде сакталып турат.24 Алар мармардан, колодон жасалган. Будда статуэткаларынын көпчүлүгү XVIII к. чейин жасалып, Тибет тараптан алынып келинген. Бул фактылар Хакасияга буддизмдин соңку орто кылымдарда келип жайылышын айкындап турат. Буддизм хакастардын арасында бурханизмдин пайда болуп, калыптанышына таасирин тийгизген.

3.4. Хонгорайдын коомдук түзүлүшү

Хонгорайдын бардык улустары бирдиктүү саясый мейкиндикти түзүшкөн жана салык төлөөчү калкы менен бирге «Кыргыз ээлигиндеги жерлер» деп аталган.

Хонгорай коомунда патриархалдык-уруулук мамилелер менен бирге, таптык жиктелүү мүнөздүү көрүнүш болгон. Башкаруучу өкүлдөрдүн катмарына чайзандар, жакшылар (орус документтеринде «мыкты адамдар»), ал эми эзилүүчү таптын өкүлдөрүн харачтар, карапайым калк (орус документтеринде «кара адамдар») түзгөн. Харачтар кыргыз улустарынын эмгекчил калкын түзүшкөн. Кеңири мааниде алганда, харачтарга токойлуу-тоолуу капчыгайларда жашаган кыштымдар (кистимдер) да киришкен. Кыштымдар өз кожоюндарына салык төлөө менен бирге, айрым учурларда этникалык эзүүлөргө да дуушар болушкан. Чайзандар көп сандаган төрт түлүккө ээлик кылып, көп сандуу көз каранды элдин башкаруучулары болушкан. Адамдын социалдык абалы анын уругунун коомдогу ээлеген ордуна карата аныкталган. Хонгорайдын калкы эки катмарга бөлүнүп, биринчи катмары «хасха сөөк» ак сөөктөр деп аталып, буга кыргыздар да киришкен, экинчи катмары «пора сөөк» – боз сөөктөр – деп аталып, буга эзилүүчү тап, кыштымдар менен харачтардын баары кирген.1

Тарыхый адабияттарда эки жүз жылдан бери «энесайлык кыргыздар деген кимдер болгон» деген талаш-тартыштар жашап келет. ХVIII–ХIХ кк. Г. Миллер, И.Фишер, И. Георги, В. Ватин ж.б. тарыхчылар кыргыздарды «азыркы минусиндик жергиликтүү элдерден этнографиялык жактан айырмаланган, Минусин ойдуңунан орустар келгенден соң ооп кетишкен» өзгөчө эл катары карашат. («Бурут деген ат менен белгилүү», «орустардын кысымы менен жунгарларга кетишкен»).2

И. П. Кузнецов-Красноярский мындай көз карашка макул болбой, кыргыз деген ат «кокусунан эле» казакорустар тарабынан жергиликтүү элге берилген» деп айтат; ошону менен бирге, кыргыздардын Эне-Сай түздүгүнөн кетүүсүн танууга аракет жасаган.3 Азыркы изилдөөчүлөрдө бул маселе боюнча бирдиктүү көз караш калыптана элек. Л. П. Потапов эне-сайлык кыргыздарды «анчалык чоң эмес түрк тилдүү топ» деп атаса, Л. Р. Кызласов болсо, «байыркы хан уруусу» катары карайт.4

Этникалык мүнөздөөлөр так берилбей калган XVII к. орус документтери боюнча «кыргыз тегине» төмөнкүлөр киришкен: Июс дарыясынын боюнда жашаган алтысар менен туматтар; Туба дарыясынын боюнда жана анын куймаларында жашаган тубалар; Эне-Сай өрөөнүн байырлаган езерлер (жесары); Абакан дарыясы боюнда байырлаган кереиттер, урдут, алтыр жана кезегеттер. Бул маалыматтардан кыргыздардын элитардуу «бектер уругу» болбогондугун байкоого болот. Бул көз карашты алгач, Н. Козьмин айткан.5 Кыргыздардын ичинен «бектер», «жакшылар», «кызмат адамдары», «улустук адамдар» болушу алар дын социалдык-таптык жиктелүүсүн аныктайт. Моңгол доорунда кыргыздардын уруулук курамы өзгөрүүлөргө учурап, бул аймактын түрктөрүнүн курамына бир топ сандагы моңгол элементтери кирген. Маселен, керейлер, урдут (меркит) жана туматтар Эне-Сайда Чыңгыз-хандын XIII к. өзүнө каршы чыккан Борбор Азиянын моңгол тилдүү урууларын талкалагандан соң пайда болушту.6 Алар өздөрүн Хонгорай этносаясый бирикмеси түзүлгөндөн кийин гана кыргыздарбыз дей башташкан. Ушул эле доордо Тувадан Абакан өрөөнүнө каканас (хапхына) жана чик (хчеге) сыяктуу байыркы түрк дооруна таандык уруулар көчүп келишкен.

XV–XVII кк. кыргыздар өз алдынча этнос болушканбы? Ушундайча өзүн-өзү атоо болгонбу? Бул маселеге кыргыз маданиятынын мураскорлору болгон азыркы хакастардын тарыхый фольклору кандайдыр бир деңгээлде жооп берет. Санжыралар боюнча бул жерде жашаган «тадарларга» (б.а. хакастарга) чейинки калк «хоорай» деп аталган.7 Бул аталыш кыргыздардын гана эмес, алардын кыштымдарынын да энчилүү аты болгон. Маселен, мотор аймагындагы кыргыз кыштымдары «хонгорлук моторлор» деп аталышкан.8 Тактап айтканда, кыргыздар менен кыштымдар Хонгорайдын бирдиктүү калкын түзүшкөн, ал эми этноним болсо алардын Ортолук Эне-Сай өрөөнүндөгү түздүктөрү менен өз ара байланышкан. Орус булактарындагы маалыматтарда хонгордук кыргыздар өз алдынча этникалык жалпылык болгон эмес, хакасча «хасха сөөк» (ак сөөк) деп аталган ак сөөктөрдүн тобу гана болушкан.

XVII к. баш чендериндеги Хонгорайдын ордо шаары жана саясый борбору Кара жана Ак Июс дарыяларынын ортолугундагы «ак таштуу кыргыз шаарчасында» жайгашкан.

Мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүү үчүн Хонгорайдын төрт улусунун өкүлдөрү катышкан жыйын (хурал) өтүп турган. Маселен, 1627-ж. болуп өткөн жыйында 700 өкүл катышкан (анын ичинен 300ү кыргыз өкүлү). Бул жыйындарда чечүүчү добуштар кыргыз бектерине таандык болгон. Алар «биргелешип, кеңешип, ар кандай маанилүү маселелерди чечишкен».9 Бул жыйында «Кыр гыз жерин» башкарууда жогорку бийлик эң «мыкты» деп саналган бекке тапшырылган. XVII к. башында «Немек башкы бек болгон, Кыргыз жери ага чейин анын атасы тарабынан башкарылган». 1630–1640-жж. Номчы «мыкты» бек болуп калган, анын ордун уулу Кочебай ээлеген. Орустар менен түзүлгөн тынчтык келишимде Кочебай эң улуу жана урматтуу бек катары «улустук адамдар үчүн, балдар, бир туугандар үчүн, урук, уруу, улус, бүткүл Кыргыз жергеси үчүн Кыргыз жергесинин кеңешинин атынан шерт берген».10 «Бүткүл Кыргыз жеринин Кеңешинин» болушу ошол учурдагы Хонгорайдын саясый биримдигин аныктаган; феодалдык бытырандылык мезгилинде жогорку бек мындай саясый бийликке ээ болгон эмес.

«Кыргыз жерин» башкаруу үчүн чайзандар, болжолу, моңголдордон кабыл алынган административдик башкаруу аппаратын кармап турушкан. Кызматкерлер «тузумер» деген моңгол наамын алып жүрүшкөн. Соттордун милдетин – укук мыйзамын сактоочулардын өзгөчө кастасы – «яргучилер» аткарышкан. Жогорку Соттун милдетин

Жогорку бектин өргөөсүндө орун алган «Казыр Яргучи» Каардуу сот аткарчу. Тарыхчы Н. Козьминдин Кыргыз жеринин жогорку соту «ожо» деген наам алып жүргөн деген божомолу XVIII к. жашап өткөн езерлик сот Боти-ожонун атына байланыштуу айтылса керек. Болжолу, жогорудагы энчилүү ысымдын экинчи компоненти – «ажа» (ача), б.а. ага, байке деген маанини билдирген. Эне-Сай кыргыздарынын XVII к. чегиндеги социалдык-таптык түзүлүшүн кунт коюп караганда, бир да документтен жогорудагыдай наамды кездештире алган жокпуз. Бул наам хакастардын тарыхый санжырасында да учурабайт.11 Белгилүү «ажо» деген наам Хягас мамлекетинин башкаруучусунун наамы болсо, анда ал, хягас этноними сыяктуу эле кытай булактарында абдан бурмаланган көрүнөт. Мындан Л. Р. Кызласовдун Боти-ажо деген бир гана ысымга негизденип, бул «байыркы хакастардын» коомдук түзүлүшүнүн өзгөрүлбөй сакталып келишин аныктайт деген суу кечпеген тыянагы чындыктан таптакыр алыс.

Бектин буйруктарын жана мамлекеттик салыктарды жыйноо иштерин «чазоолдор» (жасоолдор) аткарышкан.

Ар бир чазоолдун карамагына 40тан түтүн бөлүнүп берил ген. Жыйналган салыкты жана аскерге каттоо иштеринде бир, он, жүз, беш жүз, миң деген сандарды аныктаган тактайча белгилер колдонулган.12 Мындай системадагы саноо Түштүк Сибирдин башка элдеринде да колдонулган жана анын келип чыгышы байыркы түрк дооруна таандык. «Талап кылынган адамдардын, жылкынын, салыктын жана малдын санын жыгачка оюлуп түшүрүлгөн белгилер менен аныкташат» деп жазат кытай жылнаамасы.

Жунгар бийлигинин тушунда салыкты жыйноо жогорку деңгээлде уюштурулган. Иш кагаздарын жүргүзүүдө атайын китепчелерди пайдалана башташкан. Кыргыздар өз кыштымдарын орус бийликтерине берүүгө акысыз болушкан, анткени, «алар тайша Бошокту-хандын китебине катталып калышкан.»13 Улустардын башында турган кыргыз башкаруучулары байыркы түрк дооруна таандык болгон «бег» деген наамды алып жүрүшкөн. Алардын ар биринин өз асабасы, буйрук жана келишимдерди күбөлөндүргөн тамга-мөөрлөрү болгон. XVII к. экинчи жарымынан тартып, кыргыздар жунгарлардын таасири менен моңгол наамдарын кабыл алышты. Езерлик бектин аты Шорло Мерген-тайжи болуп калды. Ушундай эле наамды алтыр беги Таин-Ирка да алып жүрчү. Таин-Ирканын уулун Тангут Батур-тайжи деп аташчу. Таин-Ирканын Конгош деген бир тууганынын Яйзан-Бахши деген аты анын жогорку билими бар экендигин аныктаган болуу керек. «Бахши» термини окутуучуга (мугалимге) карата колдонулган. Кыргыз бектеринин ичинен жунгар ханына өзгөчө сиңирген кызматы үчүн салыктан бошотулгандары болгон. Алар «тархан» деген наам алып жүрүшчү. Кыргыз жеринен бул наамга алтыр беги Маши Тархан жана алтырлык Коңгор Тархан Яйзан татыктуу болушкан.14

Орус документтериндеги «мыкты адамдар» деген бек тукумунун өкүлдөрү өз ысымдарына «кашка» жана «мерген» деген ардак наамдарды кошуп алышчу. Маселен, Барчык Магнай кашка, Алтын кашка, Матыр Магнай кашка, Курбан кашка, Айкан Юрукту кашка, Иченей мерген ж.б.

Кыргыз бектеринин саны анчалык көп болгон эмес. Хонгорайдын төрт улусунда алардын саны 50–100дөн 500гө чейин жеткен. Алардын баары тең тууган-тууш кандык мамилелерде болушкан. Кыргыз бектери XVII к. баш чендеринде эле ойрот башкаруучулары менен өздөрүн тең абалда сезишип, куда-сөөк болушкан. Алтысар беги Кочебай Батараев Жунгар хандыгынын негиздөөчүсү Карагула-тайшинин бир тууган карындашы Абахайга үйлөнгөн. 1635-ж. түзүлгөн Жунгар хандыгынын биринчи башкаруучусу, Карагула-тайшинин уулу Баатыр-контайша өз кезегинде Кочебайдын кайын иниси, ал эми Кочебайдын уулу Табун болсо Баатыр Контайшанын жээни болуп калган.15 Борбордук Азиядагы күч-кубаттуу хандар менен куда-сөөк болуу кыргыздардын Түштүк Сибирдеги абалын бекемдеген.

Ар бир бектин жана анын тукумунун мүчөлөрүнүн аскердик милдеткерликтери бар «улустук адамдары» болгон. Чайзандар көп сандаган букараларга ээ болушкан. Алардын чарбасында орус документтеринде «холоп» деп аталган малчылар, «хулдар» жумуш аткарышкан. Алар, негизинен, карызга баткан кедей-кембагалдар эле. Кулдун өз кожоюна жасаган кызмат милдеткерлиги фольклордун маалыматтары боюнча тиги дүйнөдө да сакталган. Тарыхый санжыраларда кулдарды өз кожоюну менен бирге көмгөн учурлар баяндалат. Чайзандар тууган-туушкандары жана улустук адамдары менен бирге көчүп-конуп жүрүшкөн. Аймактар менен улустардын ортолугунда даана такталган чек ара болгон эмес Согуш коркунучу пайда болгон мезгилде чайзандар өз улусу менен Хонгорайдын ылайыктуу жерлеринде көчүп жүрүүгө укуктуу болушкан. Маселен, Алтысар беги Еренак орустардын кол салуусунан кооптонуп, «өз улусунун адамдары менен Абакандын аркы бетине, ал эми исар, алтыр жана тубалар Абакандын сол жээгине көчүп өтүшкөн».16

Бектер башкарган аймактардын адамдарынын саны бирдей болгон эмес. Шанды Сенчикеневде 22 улус адамы, алтыр беш Таин-Иркеде «улус адамдары 400дөй адамга жеткен». XVII к. аягында Абакан жана Июс дарыяларынын өрөөндөрүндөгү жайыттарда кыргыздардын улус адамдары кыштымдарды кошкондо 3 миңден ашуун адамды түзгөн.18 Болжолу, бул жерде эркектердин саны айтылып жатса керек. Аялдарды жана балдарды кош кондо (5 коэффициент менен эсептегенде) алардын саны 15 миңди түзгөн.

Бек бийлигинин таянычын аскер кошуундары – «хозондор» түзгөн. Хакас фольклорунун маалыматтары боюнча ар бир бек 40 чоро (баатыр) кармаган. Алар аскердик тектүү катмарды түзүшүп, орус документтеринде «кызмат адамдары» катары баяндалган. XVII к. баш чендеринде «кыргыздардын кызмат адамдарынын саны көп эмес, саны 150гө жеткен».19 Бул баатырлар өз ысымдарына «баатыр» (матыр) же моңголдун «кошеучи» (хозончи) – кошуунчу деген наамдарын кошуп айтышчу. Маселен, Керсо баатыр, Дун Ирка Матур, Бар кошеучи ж.б. согуш учурунда алар элдик кошуундардан, «улустук адамдардан», кыштымдардан куралган өз алдынча атайын кошуундарды жетектеп чыгышчу. Карапайым калк аскерге милдеттүү болушкан, ошондон улам, салык төлөгөндөрдү «окчу» деп атап коюша турган. XVII к. Хонгорай 600дөн 1000ге чейин туруктуу аскерге ээ болгон. Маселен, 1698-ж. Алтысар, Исар, Алтыр улустарынын бектери орустарга Каштак чыңдоосун курууга тыюу салууну чечишет. Ушул себептен, бек Улагач Кашка «Каштактагы күмүш кендеринде миң жоокер менен турду, ал эми Кыргыз жеринде да миң аскер бар эле.»20

Түштүк Сибирдин элдеринин ичинен кыргыздар өзгөчө жоокердик мүнөзү менен бөлүнүп турушкан. Орус кызмат адамдары «саны 1000дей болгон кыргыздардан дайыма коркунуч келип турат…» – деп белгилешкен.21

Кыргыздардагы аскер иши жана анын өнүгүүсү Алтын хандар жана Жунгар хандыгынын деңгээлинен төмөн болгон эмес. Чабуул коюунун жана коргонуунун өзгөчө тактикалары колдонулган. Аскерлердин негизин атчан жоокерлер түзгөн. XVII к. Хонгорайдын атчан аскерлери 1000 кишиден турган: «найза жана куяк менен куралданган 400 адамды саадак жана союлдар менен куралданган адамдар коштоп жүрөт…».22 XVII к. Хонгорайда ок атуучу куралдар белгилүү болгон жана аны жунгар, орустардан сатып алып турушкан. Жазуу булактары Еренактын кыргыз жоокерлери салгылашуу учурунда «замбиректерди, мушкеттерди, бир атар чып этмелерди, жааларды колдон гондугун белгилешет…23

Сепилдерге жана орус чыңдоолоруна чабуул коюуда кыргыздар «калкандар менен согушка киришкен». Жоонун кол салуусун алдын ала болтурбоо үчүн Хонгорайдын тоо аймактарына аскердик коргонуу чыңдоолорун курушкан. Сепил курулуштарынын тизмеги жабык фортификациялык системаны түзүп, ар бир курулуштун бири-экинчисине көрүнүп турчу. Хакасия боюнча жогорудагыдай курулуштардын саны жүзгө жетип, хакасча – «ывее» деп аталган.

Баатырлардын колдоосу менен кыргыз бектери улус адамдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзүп, кыштымдарды баш ийдирип кармап турушкан.

Саян-Алтайдын капчыгайлары жана кыргыз улустарынын алыскы тоолуу-токойлуу аймактарындагы кыштымдар Хонгорайдын эзилүүчү табын түзүшкөн. Кыштымдар институту Кыргыз каганатынын мезгилинде эле пайда болгон. Көз каранды уруулар жана жогорку абалды ээлеген кыргыздар тарабынан социалдык-этникалык эзүүлөргө дуушар болушкандар кыштымдарды түзүшкөн. Орус документтери кыштымдарды салык төлөгөн кара таман калк, «табигый кулдар» же жөнөкөй эле «салык төлөгөн адамдар», кыргыздарды алар «орус крепостной дыйкандарынын ордунда болгон» деп жазышкан.24 Орус булактарында кыргыздар жана кыштымдар даана бөлүнүп көрсөтүлгөн. Минусин ойдуңунан сырткары жайгашкан кыштым аймактары XVII к. баш чендеринде эки тарапка, анын ичинен Орусияга да салык төлөй башташкан эле. Бирок, Хонгорайдагы улустарга таандык кыштымдар кыргыздар тарабынан катуу көзөмөлгө алынышкан. Мындан сырткары, XVII к. кыргыз кыштымдарына бүгүнкү тувалардагы ооржак, тожу, кужугет урууларына кирген орчук (урчюк), кучугут, точилер да киришкен. Орустун качкындары да кыргыз кыштымдары болуп калышкан учурлар кездешет. 1685-ж. орустун чарба кызматкери Сенька Черкашин «кыргыздарга качып, езерлердеги Кулчактын карамагында жашап, ошол Кулчакка салык төлөгөн».25

Кыштымдар кыргыздарга түбөлүк карыз деп эсепте лишкен. Жут, ачарчылык болгон жылдары алар Кыргыз жерине келишип, кийим-кече, мал, үй буюмдарын алып турушкан. Кыштымдар кыргыздарга алымды натуралай түрдө төлөөгө милдеттүү болушкан. Кыш аң терилери төлөм катары эсептелчү. Талаа мыйзамы боюнча кыштымдардан беш кыш териси же анын наркындагы салык алынган. Айрым учурларда салык темир жасалгалары, курал-жарак жана тамак-аш азыктары түрүндө да алынчу.

Салыкты жыйноодо «аманат» – барымта системасы пайдаланылган. Кыштымдар салыкты төлөөгө кудурети жетпей калса, барымта катары анын аял-балдары алынчу. Кыштымдар салык төлөөдөн баш тартышып, козголоң чыгарышкан учурда, бектер башка улус бектерине аскер жардамын сурап кайрылышкан.

Кыштымдар өздөрү жашаган капчыгайларда жана аймактарда өз башчылыктарына жана аң уулоочу жайларга ээ болушкан. Хонгорайдын кыштым капчыгайларына көз арткандарга, кыргыздар согуштук жүрүштөр менен айбат көрсөтүшкөн. Мындай аскердик кагылышуулар Исардагы (камасин, качин, ариндер), Алтыр (Кондом дарыя бою) улусуна ээлик кылууга көз артышкан телеут жана бурят княздары менен болуп турчу. Талаш аймактарга Орусия менен чектешкен жерлер да кирген. Кыргыздар бул согуштук кагылышууларда өздөрүнө көз каранды болгон салык төлөөчүлөргө ээлик кылууну сактап кала беришкен. Маселен, XVIII к. баш чендеринде алар Томскилик воеводага Чулум дарыясына жакын турган кыштымдардан 11 жылда жыйналып алынган (1691–1702-жж.) 11 миң 400 киш терисин кайтарып берүүнү талап кылышкан. Орус бийликтери өз кезинде кыргыздар ошол эле кыштымдардан талап-тоноо жолу менен 2000 киш, 100 түлкү, 100 суусар, 5000 арс, 20 000 тыйын чычкан терилерин алышканын билдиришкен.26

Улустарды жетектеген кыргыз бектери 500дөн 1000ге чейин кыштымдарга ээлик кылышкан. Маселен, алтыр беги Талай «Мрассу жана Кондом дарыяларынын аймактарында 1000дей салык төлөөчүгө», исардык улус тайшиси Иченей-Мергендин «Мугал жериндеги кыштымдарынын саны 500гө жеткен».27 Ээлеген абалы анчалык чоң эмес кыргыз бектери «кырктан ашуун салык төлөөчү адамдары жана аң уулоочу аймактары болгон». 1701-ж. орус документтеринде «кыргыз бектеринин жалпы саны 300, салык төлөгөн кара таман эл, кыргыздарда кыштым деп аталган эркектердин саны 1000ге жетет».28 Чындыгында, кыштымдардын так саны жогорудагы аталган маалыматтан көп болгон. Эгерде, кыргыз бектери жана чайзандарынын саны 100 деп эсептелсе, алардын артында 6 миң кыштым, үй-бүлөлөрү менен кошуп эсептегенде 30 миң адамды (5 коэффициенти менен алганда) түзгөн.

XVII к. баш чендеринде моңгол жана манжур тилдеринен которулган дипломатиялык документтердин жыйнагында Түштүк Сибирдин көпчүлүк уруулары «урянхай» деген ат менен белгилүү боло баштаган. Маселен, Кыргыздарды жунгарлар сүргөн мезгилде Эне-Сай өрөөнүндө төрт аймак «кыргыз урянхайлары»: «арахащ, застук, хайгин, модор»,29 Исар улусуна ариндер (аара), качиндер (хааш), кайдиндер (хайдын), ястиндер (частых), моторлор (модар) калган. Ошол эле жылы Абакан өрөөнүндө Орусия букаралыгына Кыргыз жеринин 12 урянхай аймактары киришти: Том-Сагай, Уюс-Сагай, Иргит, Четубур, Сарыглар (2 аймак), Ичег, Табан, Белтир, Саин, Хапхына жана Чыстар.30 Айрым документтерде аталган аймактар «кыргыз тукумундагы» деп эсептелген, анткени алар Кыргыз жеринин Алтыр улусунун курамына киришкен. 1704-ж. Кузнецк Ала-Тоосунун тоолуу-токойлуу жерлеринде «урянхай аймактарынын» миң түтүнү жайгашкан. Алардын арасынан бүгүнкү сагайлардын этникалык топторунун көпчүлүк бөлүгүн түзүшкөн төмөнкү этнонимдер кездешет. бюрюс, хобый, хызыл-хая, туран, кижин, харга, тайас, халар ж.б. 1708-ж. жазылган жунгар документинде эскерилген: «Хонгорайда белгилүү болгон «киргис, уранхай, моторлор» көчүп-конуп жүрүшөт» – деп жазылганын31 «кыргыз уранхай-моторлору» катары түшүнүү зарыл.

Ушундан улам, жогоруда айтылган «урянхай» деген моңгол манжур термини кыргыздардагы «кыштым», вассалдык уруулар, салык төлөөчүлөр деген сөзгө маанилеш болгон. Буга Еренак бектин моңгол тилинде жазылган катындагы «урянхай» сөзү орус тилине «салык төлөөчүлөр» деп которулушу мисал боло алат.32

XIX к. «Урянхай» деген аталыш Тува жерин аныктап калган: бул жердин калкы байыркы түрк доорунда кыргыздарга көз каранды абалда болушкан (Кешдемдин алты аймагы), ал эми моңгол басып алууларынан кийин ошол эле моңголдорго «салык төлөөчүлөр» болуп калышкан. XVII к. орто чендеринде В. Рубрук моңголдордон түндүгүрөөктө, кыргыздарга жакын «оренгай» аттуу эл жашайт деп жазат.33

Хонгорайдын ири мал чарбаларында согуш туткундарынын эмгектери пайдаланылган. 1685-ж. алтыр беги Таин-Ирка жунгар ханынын өргөөсүндө бир жылдай туруп калганда, Кыргыз жерине (Брут жери) жасалган аскердик жүрүштөн соң, «кыргыз беги Таин-Иркага 70тен ашуун бурут жеринин туткундары белекке берилген».34 Болжолу, ошол туткундардан хакастардагы «пурут» уруусу келип чыгат.

Хонгорайда жана патриархалдык-феодалдык уклад үстөмдүк кылган, аскердик-административдик башкаруусу бар салык системасы жөнгө салынган бийликтин коомдук институттары жашап турган. Калктын өзгөчө элитардуу катмарын кыргыз бектери түзгөн, алардын байлыгы кыштымдар менен харачтардын эмгегинен куралган. Алардын бийлиги баатырлардын өзгөчө катмары тарабынан корголуп турган.

Өндүрүш каражаттарына ээ болгон кыштымдар экономикалык жана экономикалык эмес ыкмалар менен эзүүгө тушугушкан эле. Салык аркылуу алар (кыштымдар) өндүргөн кошумча продуктуларынын баары тең тартылып алынып, күнүмдүк тамак-ашка жетчү бөлүгү гана калтырылган. Жалпысынан алганда, карызга чөгөрүлгөн кыштым институту өзгөчө примитивдүү эзүүнүн түрү болуу менен, маңызы жагынан эртерээктеги феодалдык мамилелерге жакын болгон. Ички иштеринде кыргыздардын көз каранды эместикти сактап калышы, аларда өзгөчө бир мамлекеттүүлүктүн болгондугун аныктайт.

3.5. Хонгорайдын Моңголия жана Жунгария менен өз ара мамилеси

XVI–XVII кк. Түндүк Азияда өтө ири саясый окуялар болуп өттү. 1581–1590-жж. казак-орустардын Сибирь хандыгын жеңип алуусу менен Сибирь аймагы Орус мамлекетине каратыла баштаган эле. Борбор Азияда Алтынхандардын феодалдык түзүлүшү жана Жунгария пайда болду. Эне-Сайлык кыргыздар аталган мамлекеттердин ортолугунда калган эле. XVII к. бою Хонгорай тарабынан өзүнүн көз каранды эместиги үчүн жана кыштымдар жашаган аймактарда өз бийлигин кармап туруу үчүн активдүү күрөш жүрдү.

  • XVI к. 80-ж. Моңголиядагы Дзасакту-хандык ээлигинен бөлүнүп чыккан Алтын-хандардын мамлекети пайда болду. Анын негиздөөчүсү Шолой (Кун Канчей) Убаши (1567–1627-жж.) теги жагынан чынгызилер тукумунан чыккан, белгилүү моңгол башкаруучусу Даян-хандын (Бату-Мункэ) небереси болгон. Алтын-хандардын ордосу Убсу-Нур көлүнүн жанында жайгашкан. Алардын ээлигине Түндүк-Моңголиянын жана Туванын аймактары кирген. XVII к. башында (1627-ж. кийин) бийликке Шолой-Убашинин уулу Омбо-Эрдени же Ирден-тайша (1630–1657жж.) келет. 1659-ж. Алтын-хандардын башына 1686-ж. бийликтен четтетилген Лождан-тайша (Лувсан) келет. Анын ордуна Омбо-Эрденин Гендун-Дайчин деген башка бир уулу (1686–1697-жж.) такка олтурат. 1686-ж. Алтынхандардын мамлекети өз алдынчалыгын жоготуп, Дзасакту хандыгынын ээлигине кайрадан бириктирилет. 1697-ж. Гендун-Дайчи өлгөндөн соң, анын ордуна 1703-ж. бул аймакты башкарган уулу Санчжин-Сенге олтурат. Андан соң Түндүк Моңголияны жана Саян-Алтайды башкарууга Гендун-Дайчинин асыранды уулу Гун-Бубей (1704–1730жж.) олтурат. Анын теги халхас княздарынан чыккан. 1709-ж. Цинь императору өзүнүн буйругу менен аны Кем аймагын, б.а. Эне-Сай жерлерин башкаруучу кылып дайындаган. Гун-Бубэй Түндүк Эне-Сайдын жерлерин түндүк Саяндын түндүк бөлүгү 1727-ж. Кяхта келишими боюнча Орусияга өткөн мезгилге чейин үстүртөн башкарып турган.
  • XVII к. биринчи он жылдыктарынан тартып, Алтын-хандар өз ээликтерин Хонгорай жана кыштым капчыгайларынын эсебинен кеңейткен. 1641-ж. Я. Тухачевский Чулумга Ачин чыңдоосун курганда, ал төрт волостту: Кызыл, Ачин, Басагар, Камлар аймактарын «салык төлөөгө» мажбур кылган, алар мурда салыкты Алтынхандарга төлөп турушкан.1 Бул волосттор Хонгорайдын Алтысар улусуна таандык болгон.
  • 1617-ж. Алтын-хандарга келген орус элчилери: «Салыкты Кум Канчей (б.а. Алтын-хан) саяндардан, кыргыздардан, буряттардан, мулдардан, орчиктерден, тулумандардан, терегулдардан алат экен, алардын бектери баары көчүп-конуп жүрүшөт…» – деп билдиришкен.2

    XVII к. орто ченинде Лоджан-тайша: «Краснояр чыңдоосу тургузула элекке чейин (1628-ж. – В. Б.) ал жерлердин кыргыз, туба жана алтырлык княздар Лоджановдордун аталарынан балдарына чейин салык төлөшөт» – деп айткан.3

    Өз кыштымдарына ээлик кылган кыргыздар XVII  к. орто чендеринен Алтын-хандарга көз каранды болуп калышкан. Кыргыздар алым төлөөчүлөр катары ар бир жаадан (жоокерден) бештен киш терисин беришкен.

    1656-ж. Лоджан-Тайша орус элчилерине: «Кыргыздардагы тубалар, алтырлар, керейлер жана алардын кыштымдары биздин түбөлүк салык төлөөчүлөрүбүз…». «Кыргыз жеринин калкы көз каранды, алар (кыргыздар) бизге бир топ жылдардан бери салык төлөшөт, эгер кырдаал түзүлсө аларды кырып-жоюп, же көчүрүп кетем» – деп жарыя жасаган.4 Арийне, Алтын-хандардын мындай мактаныч сөздөрү чыныгы түзүлгөн абал менен шайкеш келген эмес. Кыргыз бектери көз каранды эмес болушуп, көпчүлүк учурда моңголдорго каршы согуштук жүрүш уюштурушуп турган. 1639-ж. кыргыз беги Табун Көчебаев орус бийликтерине: «Биз хандын салыгын төлөөчүлөр эмеспиз, Алтын-хандардын буйругун аткарбайбыз, ошону менен бирге томскилик воеводалардын буйругун аткарууга да такыр ниетибиз жок. Табун өз жеринде өзү воевода экендигин белгиледи».5 1657-ж. Лоджан-тайшинин көп жапа тарттырган чабуулуна кыргыздар жыйналышып «Алтын-хандарга каршы өздөрү жортуул жасашып, Точин жерине бүлгүн салышты».6

    Кыргыздардын үстүнөн өз бийлигин кармап туруу үчүн Алтынхандар барымта кармоо адатын пайдаланышкан.

    Тектүү бектердин балдары, мисалы, алтысар чайзаны Собы Тотыкаевдин уулу Сарыткан Собин Алтын-хандардын ордосунда барымтада жүргөн». Согуштук аракеттер жүргөн убактарда Алтын-хандар кыргыздардан аскер жардамын берүүнү талап кылышкан. 1652-ж. Ирдене-контайша «кыргыз бектеринен 1000 атчан жоокерди ат жабдыгы жана куралы менен берүүнү талап кылган….».8 Мындан сырткары, ал «кыргыздардан 1000 кой, 400 кара мал сураганда, алар Ирдене-тайшиге 1000 кой, 400 кара мал жөнөтүштү….».9 Ошентип, кыргыздар алтын-хандарга экономикалык жана аскердик жардам берүүгө милдеттүү болушкан.

    Бирок, көпчүлүк учурда моңголдорго моюн сунушпай, кыр көрсөтүп турушкан. Кыргыздардын карышкыр каардуу мүнөзү моңголдордогу каймана түрдө айтылган «харгис» (кыргыз) – каардуу, жырткыч, кектүү деген сөздөрдүн келип чыгышына алып келсе керек.

    1656-ж. Алтын-хан Лоджан-тайша жунгарлардын куугунунан качып, өз нөөкөрлөрү менен Туба дарыясынын куймасына келип отурукташкан эле: ал эми Туба улусунун кыргыз бектери Кан чыңдоосуна жакын көчүп барышып, Орусиядан колдоо издей башташкан. Убакыт өтүп, алар Качин жериндеги туба уругун негиздешкен.

    XVII к. орто чендеринде кыргыздар Алтын-хандардан алыстап, жаңыдан калыптанып жаткан Жунгар хандыгына ыктай башташкан. Лоджан-тайша кыргыздардан өч алмакчы болот. 1667-ж. ал Алтыр улусуна кол салат: «Лоджан жана анын адамдары алтырлык кыргыздардын 6 миң жылкы, бодо мал жана койлорун айдап кетти…, Лоджан өз аскерлери менен Абакандын аркы жээгинде туруп калды, аны менен улустук адамдар жана 500 кыргыз жоокери бар….»10.

    Жунгар ханы Сенге-тайши Алтын-хандарды Хонгорайда кууп жетти. Лоджандын колу талкаланып, өзү колго түшкөн. Бул жеңиштен жунгар ханы «Лоджандын карындашын аялдыкка алды, ал эми Сенге Лоджандын оң колун кесе чаап салууга буйрук берип, ага иттин этин жедирди. Лоджанды эки аялы менен Омонот падышасына ыйгарды; Сенге өзү менен аябай көп моңгол мүлктөрүн, хандын жакындарын кыштымдары менен 2 миңдей адамды туткундап кетти…»11.

    XVII к. аягы XVIII к. баш чендеринде Алтын-хандардын тукумдары Хонгорайга ээлик кылууга бир нече ирет аракет кылышкан.

    1708-ж. 31-августта Цинь Кытайы орустарга Абакан чыңдоосун курууга каршы билдирүү жасап, аны кыйратууга талап койгон. «Хонгорай капчыгайына» ээлик кылууга Дзасахту-хандыгынын хотогойт князы Гун-Бубэй аракет жасаган. Гун-Бубей Алтын-хандардын акыркы ханы Гендун-Тайчинин жээни болгон. Гун-Бубей: «Хонгорайдын жерине менин тайакем Гендун-Тайчин ээлик кылып келген, анын улусуна кыргыздар, урянхандар (урянхайлар), моторлор кирген» деп билдирген.12 1712-ж. Кытай орустардын Сибирь губернатору М. П. Гагаринге нааразылык билдирүүсүн кайталаган, 1718-ж. Абакан острогуна Гун-Бубэйдин өкүлдөрү келген.

    1635-ж. батыш моңгол-ойроттору 1758-ж. чейин жашап турган «Жунгар хандыгын» негиздешет. Анын биринчи башкаруучусу чорос уруусунан чыккан ХараХуланын улуу уулу Баатыр-контайша болгон. Жунгариянын аймактарына чыгыштагы Саян Алтайдан батыштагы Тибетке чейинки жерлер кирген. Орус булактарынын маалыматтары боюнча 1640-ж. кыргыздардын бир бөлүгү «контайшыга салык төлөөчүлөр» болуп калышкан. Н. Я. Бичурин «кыргыздар Батор-хонь-тайцзиге салык төлөшчү, бирок ошол эле учурда кыргыздар өздөрүнүн жеңил ойлуулугу, өзүм билемдиги, өзүмчүлдүгү менен Орусияга бир нече ирет шерт беришкен, алар өздөрүнүн мындай кылык-жоругу аркылуу Орусиянын талабынын адилеттүүлүгүн ырастоого шылтоо болгон».13

    Исар улусунун кыргыз беги Табун Көчебаевге тууганчылыгы болгон Батур-Контайша Хонгорайга өзгөчө туугандык мамиле жасаган. Ал кыргыздарды колдоого алып, Орусияга каршы туруу үчүн бир нече ирет аскер жөнөткөн. Маселен, 1640-ж. «калмактар согуш жарыялап, Томск шаарынын алдына келди, ал калмактарды кыргыз Кочебаевдин аялы Абахай айым чакырган, ал эми Контайша-Баатыр Абахай айымдын жакын иниси болот экен».14

    Жунгариянын башкаруучусу өзүнүн ордосунда кыргыз бектеринин балдарына билим берген. Маселен, алтысар бегинин уулу Изен-тайжи Поятанды «Баатыр-контайша кичинесинен багып чоңойтту. Азыр ал Баатыр-контайшага кызмат кылат».15 Кыргыздардын абалы Баатыр-контайшанын ордуна келген уулу Сенгетайшанын (1657–1671-жж.) учурунда оордоп кеткен эле.

    XVII к. орто чендеринде Хонгорайдын саясый багыты биротоло Жунгарияга карай ооп калган болучу. Ошону менен бирге, саясый аренада алтысар улусунун беги Еренак Ишеев деген «күч-кубаты ташкындаган, акылдуу жана чечкиндүү» адам пайда болду. Тарыхчы В. Огородников «Еренак өз айланасына калган кыргыз бектерин бириктирүү, аларга бул аймакта чыныгы кожоюн ким экендигин көрсөтүүнү максат кылып койгон» – деп жазат.16

    Түштүк Сибирди ээлеп алууга умтулган орустарга каршы Еренак жунгарлар менен бирдикте чечкиндүү аракеттерди жасаган. 1667-ж. Сенге-тайша жетектеген ойроттор Абакан өрөөнүндө жашынып калган Лоджантайшанын негизги күчтөрүн талкалаган.

    Андан соң, 1667-ж. кыргыздар менен жунгарлардын бириккен күчтөрү Красноярскиге чабуул жасашып, орустарга оор сокку урушкан. 376 кишиден турган Краснояр гарнизону чоң жоготууларга учураган (39 адам өлгөн, 203ү жарадар, 49у туткунга түшкөн).17 1678-ж. кыргыздар Кан чыңдоосун басып алып, өрттөп жиберишкен. 1679-ж. Еренак бек биринчи Ачин чыңдоосун өрттөп, жок кылган.

    1667-ж. баштап Хонгорай Жунгарияга көз каранды абалда калган. 1669-ж. Сенге-тайша бул жерге өзүнүн өкүлүн олтургузуп, «Еренактын жана бүткүл Кыргыз жеринин үстүнөн бийлик жүргүзүүгө уруксат берген».18 Жунгар акими Алтыр улусунда жашаган. Анын өргөөсү Ниня дарыясынын боюнда жайгашкан. Хонгорайдын саясый борбору түштүк тарапка көчкөн эле. 1669-ж. биринчи ирет дайындалган акимдин ысмы Киличин Кошиочи деген болгон. 1671-ж. аны «Ейзан Кенегей алмаштырып, бул кызматка аны Жунгариянын жаңы башкаруучусу Галдан Бошохту-хан (1671–1699-жж.) дайындаган.19 Арадан бир жыл өткөндөн соң, 1672-ж. Кыргыз жерине Байту-хан деген аким дайындалган. 1683-ж. Алтыр улусуна келген орус элчилеринин билдиргендери боюнча «кыргыздарда Батыр-Ейзан деген калмак акими жашайт, ал баарына буйрук берүүгө укуктуу»20 Акыркы аким Аба-зайсан Хонгорайды 1703-ж. таштап. Жунгарияга сүрүлгөн кыргыздар менен кошо кеткен. 1703-ж. акимчиликтин жоюлушу Ортолук Эне-Сайдагы кыргыздардын бийлигинин кулашын аныктаган.

    Хонгорайдын калкы жунгар ханына ар бир эркек башынан 5 киш аң терисин төлөөгө милдеттүү болушкан. Бул салыктардын оорчулугу кыргыз кыштымдарынын мойнуна түшкөн. Маселен, 1702-ж. езер беги Шорло Мерген өз кыштымдарынан «кыргыз бектерине бештен жана контайшага 5тен киш терисин берүүгө милдеттендирген».21 Тапшырманы аткарбай коюу оор жазага кириптер болуу дегенди аныктаган. Маселен, кыргыздардын моңголдорго каршы согушуудан баш тартканына Галдан Бошокту-хан каарданып: «кыргызды Кытайга сатып жиберип, жерин ээн калтырам!» – деп айткан экен.22 Белгилүү бек Еренак контайшынын талабы менен 1687-ж. 300дөй жоокери менен Алтайга келип, моңголдор менен болгон оор согушка катышат. Телец көлүнүн жанындагы Чулушман дарыясынын боюндагы салгылашууда өзүнүн уулу Шап менен бирге курман болгон.23 Кыргыз бектери өз жоокерлери менен аскердик кызматты аткаруу үчүн контайшинин ордосуна барып турушкан. 1685-ж. алтыр беги Даин-Эрке Галдан Бошокту-хандын ордосунда бир жыл жашаган.24 Хонгорлордон алынуучу салыктар Жунгар хандыгы кулаганга чейин улана берген. Маселен, 1745-ж. белтирлер Кузнецк шаарына орус падышасы үчүн салык төлөп, «бир эле учурда Зенгор башкаруучусуна да салык төлөп турушкан».25

    Жунгар ханы өз бийлигин чыңдоо максатында кыргыз бектерине жерге ээлик кылууга уруксат берген атайын грамоталарды ыйгарып турган. Маселен, 1700-ж. краснояр казактары Туба улусуна жүрүш жасашып, көпчүлүк кыргыздарды «чаап, аял, балдарын туткунга алды, ошону менен бирге, Шандычке (Шанды Сенчикеев – Туба улусунун жетекчиси – В. Б.) (Галдан) Бошокту-хан тарабынан жер ээлөөгө уруксат берилген грамотаны да олжо катары алышты».26 Жунгар башкаруучулары Борбор Азиядагы феодалдык мамилелердин тажрыйбасын колдонушуп, тектүү адамдарга мамлекеттин алдында сиңирген кызматы үчүн «суюргал» деп аталган убактылуу ээликтерди таратып турушкан. Орус жазма булактары Хакас-Минусин аймагы Орусиянын курамына кошула элекке чейин «кыргыз татарларынын ээликтери согуш менен каратылып, акырында алар калмак жерине сүрүлүштү» – деп жазат.27

    Хонгорай Орусияга кошулгандан кийин, бул аймак Орусия империясынын бир бөлүгү болуп калды. Саясый жактан Жунгарияга ыктаган кыргыздар тарыхый мекенинен айрылышып, ойрот отокторунун ичине сиңип кетишти.

    3.6. Кыргыздардын Жунгарияга айдалып кетиши

    Революцияга чейинки изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү XVIII к. баш чендеринде кыргыздар орустардын кысымы менен Эне-Сай түздүктөрүн калтырып, калмактарга өздөрү журт которуп кетишкен деп белгилешет.1 XX к. тарыхчылары Хонгорайдын калкынын Жунгарияга күч менен сүрүлгөн фактысын таануу менен бирге, ошол эле учурда бул зор тарыхый окуяга баа берүүдөгү айткан пикирлери дал келбейт; мында элдин дээрлик баардыгынын сүрүлүшү жана анча көп сандуу эмес бектердин тобунун көчүп кетиши сыяктуу кайчы пикирлер айтылып келери маалым2. Бул маанилүү маселени чечмелөөдө биз тараптан өтө кеңири тарыхый булактар иргелип, жаңы архивдик маалыматтарды илим айлампасына киргиздик, Саян-Алтай элдеринин фольклордук материалдары да пайдаланылды.

    XVIII к. баш чендеринде жунгар контайшасы Цэван Рабдан (1699–1727-жж. башкарган) Борбор Азияда түзүлүп жаткан татаал саясый кырдаалды, Кытай жана Орусия тараптан келген коркунучту эске алып, ЭмельГол дарыясынын боюндагы өзүнүн ордосуна, Түштүк Сибирдин көчмөн калктары кыргыздарды, телеут жана мингаттарды жакын көчүрүп келүүнү чечет.

    1701-ж. башында Москвага жунгар ханынын элчилери жөнөтүлөт. Өзүнүн кайрылуусунда Цэван Рабдан Жунгария менен Орусияга баш ийген букаралардын ортосунда чыр-чатактар пайда болду, «кыргыз-калмактарды (энесайлык кыргыздар – В. Б.) амал менен колго алып, Сибирь шаарларынын воеводалары ал жерлерге өз чыңдоолорун куруп жатышат, эгерде улуу даражалуу падыша өз адамдарын тыйбаса, мындан ары да чыр-чатактар боло берет». Жунгар ханынын кайрылуусуна жана кыргыз бектеринин агрессивдүү жортуулдарына жооп иретинде Петр I Томск, Краснояр жана Кузнецк шаарларынын воеводаларына «кыргыздарды үч шаардын күчү менен тынчтандыргыла» деп көрсөтмө берет. 1701–1702-жж. орус аскерлери кыргыздарга каршы бир нече ирет жортуул жасашкан.4 Түзүлгөн кырдаалды көзөмөл кылуу үчүн Цэван Рабдан 1701-ж. аталаш иниси Аба-зайсанды өз кошууну менен «томскилик, кузнецкилик, красноярдык кызмат адамдарын кыргыздар менен жараштырууга жөнөткөндө, ал Аба бул буйрукту аткара алган эмес». 1702-ж. декабрь айында «контайша Кыргыз жерине өзүнүн жакын адамы Аранжаманы» орус бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө жөнөткөн. Томскилик жана красноярдык өкүлдөр менен жолугушуу Ниня дарыясына жакын турган Аба-зайсандын өргөөсүндө болуп өтөт.

    Кыргыздардын Жунгарияга журт которуусунун себеби жана жагдайлары али белгисиз бойдон калууда. Сибирди изилдеген белгилүү тарыхчы Г. Ф. Миллер бул акт «мурда эле чечилген» Орусия менен Жунгариянын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы деп атаган.5 Ушул эле көз карашты Гагамейстер да айтат.6 Биз кезиктирген айрым документтер бул тыянактын чындыкка жакын экендигин тастыктайт. Краснояр канцеляриясынын иш кагаздарынын биринде Аба-зайсан менен түзүлгөн келишим эскерилет. Ал текстте «кыргыздар кол салып, каракчылык кылгандыктары, баш ийбегендиктери үчүн калмак контайшасынын ээлигине берилди, келишим боюнча Орусияга 300 салык төлөөчү берилди».7 Жунгар ханынын акими менен түзүлгөн келишимден соң, томскилик өкүлдөр «кыргыздар дайыма козголоң чыгарып, тынчы жок жашагандыктары үчүн, баш ийбегендиктери үчүн Кыргыз жеринен Калмак жерине көчүрүлдү» алардын жеринде калган аз сандагы калкын Ейзан Або, Аранжама менен макулдашылгандай тизмелери түзүлүп жөнөтүлдү»8. Жунгария элчиси «Аранжама Чембиль өз кишилери менен келишимге өз мөөрлөрүн басып беришти», ошондой эле «үч кыргыз улусунун тайшалары – Тангут Батур-тайша, Хорчин Унзентайша жана Шурлу-Мерген-тайшалардын мөөрлөрү басылды».

    Бул маалыматтардан кыргыз бектери даярдалып жаткан акцияны мурда эле билишкенин байкоого болот жана контайша менен бүтүмгө барышкандыктан улам жунгарларга каршылык көрсөтүшкөн эмес.

    1703-ж. июнь айында Цэван Рабдан өз максатын орундатуу ниетинде Хонгорайга үч чайзаны: Духар, Сандык жана Аранжама Ченбилдин жетекчилиги астында үч миң аскерин жөнөтөт.10 Ал өз акими Аба-зайсанга кыргыз жана кыргыздардын кыштымдарын «контайшадан алыстап кетпеси үчүн» Жунгарияга көчүрүү жөнүндө буйрук берет. Хонгорайдын эли аскерлердин көзөмөлү астында Абакан өрөөнүндөгү Аскиз дарыясынын куймасына топтолушат. Кеч киргенде ар бир айылдын калкы санактан өткөрүлүп турган. Улустук адамдарды чайзандар олтурган жайдагы «обаага» бирден санак таш таштоого мажбурлашкан. Эртең менен бул көрүнүш кайра кайталанган. Үйүлгөн «обаага» жакындап келишип, бирден таш алышып, экинчи жердеги жайга таштаттырышкан. Ушундан соң, калып калган таштардын негизинде, жашынып калгандардын санын аныкташкан. Абакан өрөөнүндөгү ондогон үйүлгөн дөбө таштар – «обаалар» 1703-жылы болуп өткөн трагедиялуу окуялардан кабар берет. Хакастарда бул дөбөлөр «хыргыс тастары» деп аталаары маалым.

    Хонгорайдын сүрүлгөн эли жунгар аскерлеринин көзөмөлү астында үч жол аркылуу кетишкен: Аскиз дарыясынан Томго, андан Балыкса дарыясы аркылуу Мрассуга; Таштып дарыясынын ашууларынан Кобырза дарыясы, андан Мрассуга Матур жана Узас Аарыяларынын бийиктиктери аркылуу кеткен. Кыргыздар өздөрүнүн үй-бүлөлөрү, малы, үй-мүлктөрү менен кошо көчүшкөн.

    Алардын көчтөрүнүн чубалган тизмеги 20–30 км. чейин жеткен. Үч жол тең Мрассу жана Кобырзы дарыялары аккан жерлерге барып кошулган; азыр да бул жерлерде «Хыргыс сыххан шол», «Хыргыс кошкен хол» деген жер аталыштары сакталып келет.11 Бул жерден алардын жолу Кондом дарыясынын бойлору аркылуу Бий жана Катунь дарыяларынын кошулган жерине чейин уланган.

    Андан соң, кыргыздардын көчү Иртиш дарыясынын жогорку агымы тарапка уланып, Эмел дарыясынын боюна өзгөчө айылдар катары туруп калышкан. Алардын Иртиштин жогорку агымы тарабындагы айрым топторуна казактар (булактарда – буруттар) тарабынан кол салууга дуушар болушкан. Бирок, кыргыздардын негизги бөлүгү соккудан аман калып, Хонгорайдан чыккандан эки ай өткөн соң, Иртиштин аркы өйүзүндөгү контайшынын чоң өргөөсүнө жакын аймакка жайгашышат.

    Такталган маалыматтар боюнча «Калмак жерине» кыргыз бектеринен алтысарлык Корчун Еренаков (Хорчун Унзен-тайша), алтырлык Тангыт Таин Иркин (Тангут Батур-тайша), исарлык Шорло Мерген-тайшалар «улустун адамдары, бала-бакырасы, мал-мүлкү менен келишти».12 Аталган бектер жана алардын уулдары (Чайлыш Тангытов, Бото, Сонжор ж.б.) Цэван Рабдандын өргөөсүндө кызмат кыла башташкан. Жунгарияга сүрүлгөндөрдүн ичинде туба бектеринин эскерилбегени алардын Саяндан ары көчүп кетүүсүн билдириши ыктымал. Красноярдык казак-орустар келип, чалгындашып: «кыргыздар чыккынчылык кылышып, калмак контайшасына көчүп кетишти; Енисей жана Июс дарыяларын бойлоп жашагандардан эч ким калбаптыр, баарын эсептегенде туба, матор, койбалдардан 300 жаачан адам калган» – деп кабарлашкан».13 Жунгар акими Аба-зайсан «Красноярга жакын турган, Енисей, Абакан жана Июс дарыялары тарапта көчүп жүрүшкөн кыргыздарды бала-бакырасы, малы, үй-мүлктөрү менен Калмак жерине контайшага көчүрүп кетти, алардын саны миңден ашыгыраак».14 Биздин эсептөөлөрүбүз боюнча XVIII к. баш чендеринде Кыргыз жеринде 15–20 миңдей калк жашаган. Сүргүнгө «эркек-аял болуп, баары үч миң түтүн эл сүрүлгөн».15 Ар бир чарбаны 5 коэффициенти менен алганда, сүрүлгөн кыргыздар жана алардын кыштымдарынын саны болжолдогондо 15–20 миң калкты түзгөн. Мындай болгондо сүргүн аябагандай чоң аймакты ээлеп, Хонгорайдын бүт калкын камтыган. Ушундай эле көз карашты тарыхчы А. Абдыкалыков да айтат.16

    1704-ж. Кузнецкиден Хонгорайга жөнөтүлгөн казакорустар воевода Б. Синявинге «Кыргыз жеринде жашаган кыргыздарды, алардын кыштымдарын жашаган аймактарынан таба албадык, баарын тең, кыштымдары, бала-бакыра, мал-мүлкү менен контайша алып кетиптир» – деп кабарлашкан.17 Арадан жыйырма жыл өткөндөн соң, 1722-ж. изилдөөчү Д. Мессершмидт Хонгорайдын ээн калган аймагы менен өтүп, алтысарлардан, езерлерден, тубалардан бирин да жолуктура алган эмес. Калктын негизги бөлүгүн сүрүп кетүү Хонгорайдын саясый түзүлүшүн бузуп, төрт кыргыз улусунун, айрым аймактардын жоюлушуна алып келген.

    Жунгарияга көчүрүлгөн кыргыздар Эмель-голдогу контайшанын чоң өргөөсүнө жакын айыл болуп туруп калышкан. Алар 4 чайзан жетектеген, 4000 түтүндөн турган өзгөчө «кыргыз отогун» (Цирцзилер) түзүшкөн.18 Кыргыздардын ичинде улустук адамдардан сырткары, киштым-шуштар, белтырлер, модарлар, ариндер ж.б. болушкан. Кыргыздар менен бирге телеуттардын (тэлэнгут) 4000 түтүндөн турган отогу, Тувадан келген мингат жана ооржактардын 500 түтүн эли жайгашкан.19 Бул отоктор чорос уруусунан чыккан жунгар ханынын жеке ээликтери болуп калган.

    1703-ж. окуяларга байланыштуу кыргыздардын бир бөлүгү ойроттордун кара өзгөйлүгүнөн Саяндардан ары көчүп кетүүгө мажбур болушкан. Маселен, 1708-ж. мурдагы Туба улусуна моңгол башкаруучусу Гун Бубэйдин улустук адамдары салык жыйнаганы келишкенде, алардын арасында «Абакандан качып кетишкен кыргыз татарлары да болушкан».20 XVIII к. баш чендеринде Тувага Кыргыз жеринин булуң-бурчтарынан көчүп кетишкендер, тувалыктардын курамындагы кыргыз уруусун негиздеши ыктымал. Болжолу, Туба улусунун кыргыздарынын бир бөлүгү жунгар сүргүнүнөн аман калуу максатында Чыгыш Саяндарга көчүп өтүшүп, иркутскилик буряттардын курамына киришсе керек. Алардан Ашебагат уруусуна катталган «хан-хыргыс» – хан кыргыздар уруусу тарайт. Байкал аймактарына кыргыздардын кирүүсү Кыргыз каганатынын доорунда эле башталган. Азыркы мезгилде буряттарда эгин талааларын жана сугат каналдарын калтырып кетишкен эзелки «хыргыт» эли жөнүндө уламыштар айтылып келет. Ангара жана Иркут дарыяларынын аймактарында жашаган «хурхуд» уругу IX–X кк. энесайлык кыргыздардын тукумдары болуусу толук мүмкүн.

    «Хонгорлордун» бир аз гана бөлүктөрү сүргүндөн аман калышкан. Таштып жана Матур дарыяларынын бойлорундагы «200 матар, 100 саян адамдары контайшага баш ийгилери келбей, кара калмактардан тоо-ташта жашынышып калышкан».21 Болжолу, булар Туба улусундагы модарларга жана Алтыр улусундагы сайындардын курамына кирген адамдар болушкан. Жазма булактардын маалыматтарына караганда, Абакан өрөөнүндө сүргүндөн Алтыр улусундагы «урянхай аймагынын» 300 түтүнү аман калган: Уй-сага, Том-сага, Иргет, Табан, Саин, Белтер, Хапхана, Жастар, Эчик, Этберио, Сарыклар».22 XVIII к. аталып өткөн уруктар Сагай, Белтир, Бирюсин жерлеринин курамдарына киришкен. Бекер жеринен орус документтери кыргыздар сүрүлгөндөн соң, Абаканда «мурда кыргыздар менен аралаш жашаган, кыргыздар менен чогуу аң уулоо жайлары болгон Белтир жана Сагай волостторунун салык төлөөчүлөрү жашап кала беришкенин» белгилебегендир.23

    1703-ж. декабрда, 1704-ж. мартта жана 1705-ж. октябрда Томскиден Июска орус аскер адамдарынын бөлүктөрү жөнөтүлгөн. 1704-ж. март жана декабрында Кузнецкиден казак-орустар Кыргыз жерине согушчал талаа адамдарын «тынчтандырып», баш ийдирүү үчүн жөнөтүлөт. 1703–1705-жж. Кыргыз жерине уюштурулган аскер жүрүштөрүндө 400 эркек өлтүрүлүп, 900дөй аял жана балдар туткундалган.24

    XVIII к. башында Сибирдин кул базарларында жүздөгөн кыргыздар ясыр (кул) катары сатылган. Маселен, Кузнецкиде «Кыргыз жеринен алып келинген Анна аттуу күң пайда болду, ал эки жашында кузнецкилик мурдагы атаман Федор Сорокин тарабынан туткундалган эле.»25 1710-ж. карата Кыргыз жеринде 9 гана кыргыз жана тубалар калган. 1703-ж. окуялардан кийин Орусия кыргыздарды мурдагы жашаган жерлерине кайтаруу жөнүндө маселени көтөрүүнү ойлоп да койгон эмес.

    Сүргүндүн азап-тозогуна чыдабаган кыргыздардын айрым бөлүктөрү топ-тобу менен же жалгыздап Хонгорайга кайтып келе башташат. 1704-ж. Мрассу жана Кондом дарыяларынын аймактарында орустар менен кагылышууларда кайтып келген кыргыздардын 133ү курман болуп, 120сы туткунга түшкөн. Ошол эле, 1704-ж. кузнецкилик казак-орустар Пызас дарыясынын аймагында (Мрассунун куймасы) жашынып жүргөн кыргыздарга «кол салышып, 78 кишини өлтүрүшүп, 95ин туткундап, 15 мылтык, 84 жаа, 150 жылкы, 110 бодо малды олжолошту».26 Жогоруда белгиленгендей, кыргыздар менен бирге кыштымдар да сүргүнгө айдалган. 1707-ж. томдук казак-орустар Чулум дарыясынын жанынан Кучелай Табункин жана Конзачак Оханкинди туткунга алышкан. Алар 1703-ж. кыргыздар менен бирге Жунгарияга сүрүлгөн эле. Эртиштин жогорку агымында аларга казакорустар кол салышканда 30 шуй татары артты көздөй качышкан. Алардын ичинен Хакасияга 9 гана киши аман-эсен жеткен.27 Бүгүнкү хакастардын ичинде шуй уруусуна киришкен Кучелаевдердин тукуму бар. Тарыхчы К.Г. Копкоевдин эсептөөлөрү боюнча 1704–1705-жж. орус аскер адаллдары тарабынан Жунгариядан кайтып келген 1380 кыргыз кармалган. Бул маалыматтар сүргүнгө айдалган кыргыздардын (К. Г. Копкоев жарымы деп туура эмес эсептеген) 8 %ин түзгөн.

    Кайтып келе жаткан «хонгорлордун» айрым бөлүктөрү тарыхый ата журтуна жете алышпай жолдогу телеут, алтай, тува ясана Саян-Алтайдын башка урууларынын, ошондой эле Эртиштин жогорку агымындагы казактардын курамына жуурулушу ыктымал. Аталган элдердин курамында кыргыз, бурут, модор, араа, агбан (абакан), табан ж.б. уруулардын болушу бул пикирди бекемдээри ырас, 1733-ж. Контайша Галдан Церен (Цэван Рабдандын уулу) телеут жана кыргыздардын отокторун ата журттарына «кузнецкидеги ясак жерлерине, белтирге жана сагай волостторуна кайтаруу» жөнүндө чечим кабыл алат.28 1736-ж. орус өкмөтү түштүк алтайлыктардан «контайша кыргыздарды өз жерине кайтаруу үчүн 2 миң калмак аскери менен бирге, кыргыздарды Томск жана Кузнецк шаарларынын ортолугу менен кайтарууга чечим кабыл алынды» деген кабарын угуп, кооптоно баштаган эле».29 Бирок, бул маалыматтар туура эмес болуп чыккан.

    1756-ж. Цинь империясы Жунгарияга кол салганда, кыргыздар телеуттар менен бирге Саян-Алтайга кайтып келүүнү, орус букаралыгын кабыл алууну чечишкен. Чалгын маалыматтары боюнча Орусиянын чегине карай «төрт теленгут зайсаны, төрт кыргыз зайсаны, карапайым кыргыз жана телеуттардын 10 миң түтүнү жылган».30 Бирок, жолдо келе жатышкандар Усть-Каменогорскиге жакындаганда Цэбдэнжаб башында турган Цин аскерлери кол салган. Эркектердин дээрлик баары өлтүрүлгөн. Маселен, кыргыз чайзаны Гурбан-кашкага баш ийген миң түтүн элден 168 гана киши аман калган.31 1757-ж. алардын калдыктары кытай бийликтери тарабынан Манжуриядагы Фуюй уездине көчүрүлүп, ошол кыргыздардын тукумдары ал жерде азыр да жашап келишет. 1982-ж. фуюй кыргыздарынын саны 874 адам болгон. Алар билтир, ичиг, табан, гапхын, кыргыз, же ортыр жана сандыр деген уруктардан турат. Аталган уруктар сагай жана белтирлердин курамындагы пилтiр, iчеге, табан, хапкын, хыргыс урук аталыштары менен дал келет. Этнонимиканын маалыматтары фуюй кыргыздарын Алтыр улусунун калкынын тукумдары экендигин ырастайт.

    Кыргыздарды Усть-Каменогорскиде кытай армиясы талкалагандан соң, бир гана кыргыз демичи (салык жыйноочунун титулу) ата журтка аман жеткен.

    Жазма булактарда 1756-ж. Жунгариядан чыккан 7 миңдей качкын Түштүк Сибирдин Краснояр жана Кузнецк уезддерине жайгаштырылгандыгы баяндалат. Болжолу, бул калктын арасында сүргүнгө дуушар болгон эне-сайлык кыргыздар да болуусу ыктымал. Ошол эле учурда Хонгорайдын калкынын ичинде ойрот, паратан ж.б. жунгар тектүү уруктар пайда болгон.

    Жунгарияда калып калган кыргыздар, кийинчерээк, калмак кыргыздар деп аталып калышты. Алардын көп сандуу эмес тукумдары Синьцзяндын Дурбулжен уездине кирген Эмель-Гол моңгол автономиялуу районунда жашап келишет. Моңголиянын халха моңгол аймактарында «сайн хиргис» – «ак сөөк кыргыздар» деген уруктар кездешери аныкталган. Сэцен-хан аймагында кыргыз уругу бир кошунда, Сайн Ноен-хан аймагында 10 кошунда; Дзасактухан аймагында – 4 кошунда жайгашкан. Түндүк-Батыш Моңголиянын мурдагы жунгар уруулары болгон дэрбэт, баят, урянхай жана мингаттардын курамында кыргыз уругу 5 ирет эскерилет. Мындан сырткары, мингат кошунунда кыргыз уругу төмөнкү топторго ажыраган: хар хиргис кара кыргыз, шар хиргис – сары кыргыз, модон хиргис токой кыргызы.32

    Хакастардын ичинде кыргыз уругуна (сөөгүнө) кирген 50дөн ашуун түрдүү тукумдар бар. Алардын айрымдары XVIII к. белгилүү бектер менен чайзандардын ысымдарынан башталат. Чабыновдор атактуу бек Еренактын Чагун деген уулунан тарашы мүмкүн. Курагиндер туба беги Шандынын уулу Курагиден; Тогунаевдер – Шандынын уулу Тоганайдан; Арыштаевдер алтысар беги Ороштай Сенчикеевден; Аешиндер – Еренактын жээни Аюжиден ж.б. тарашат. Мындан кыргыз ак сөөктөрүнүн бир бөлүгү сүргүндөн аман калып, кийинки хакас этносунун курамына киргендигин байкоого болот.

    1703-ж. трагедиялуу окуялар Хонгорай этносаясый бирикмесинин тагдырын чечип койду. Кыргыздардын жана алардын кыштымдарынын калган аз гана бөлүгүнүн өз саясый эркиндигин, мамлекеттик түзүлүшүн сактап калууга мүмкүнчүлүктөрү жетпей калды. 1756–1758жж. Жунгария талкалангандан соң, кыргыз отогу кытай армиясы тарабынан жок кылынып, элдин аман калган бөлүгү Калмакстандан Маюкурияга чейинки Улуу талаага чачылып кетишти.

    3.7. Хонгорайдын Орусияга бириктирилиши жана кыргыз улустарындагы административдик кайра куруулар

    1707-ж. Петр Iнин буйругу менен Томск, Енисейск, Краснояр жана Кузнецкилик 1000 казак-орус Кыргыз жерине басып киришип, анын так ортолугуна Абакан чыңдоосун тургузушкан. Чыңдоо Эне-Сайдын оң жээгиндеги Унюк жана Туран тоолорунун ортолугуна курулган болучу. Чыңдоо курулгандан кийин казак-орус аскер бөлүктөрү улустарга «кыргыздардын аскер адамдарын» туткундап келүүгө жөнөтүлүп турган. 1707-ж. 30-августта чыңдоого 20 жасоолду жана Туба улусунун мыкты адамдарын жыйышкан. Алар 8 аймактын өкүлдөрү болушкан: Большебайкотовский, Малобайкотовский, Яржи, Богожи, Койбал, Ургун, Шипов жана Кояк аймактарында 280 адам болгон.1 (Саналган уруктар кыргыз кыштымдары болушкан). Жасоолдор Ак ханга (падышага) «түбөлүк моюн сунууга, жаңы курулган чыңдоого жылына киши башынан 6 киш терисин алып келип турууга тийиш болушту».2 Анык болсун үчүн Абакан чыңдоосуна Ургун жана Яржин аймактарынан эки аманат калтырып кетишкен.

    1708-ж. 31-августта Кытай орустарга тургузулган Абакан чыңдоосу үчүн нааразылык билдирип, аны жок кылууну талап кылышат. «Хонгорай капчыгайына» ээлик кылууга Дзасактухан жеринин моңгол князы Гун Бубэй аракет кылган эле. Ал: «Хонгорайдагы жерге эзелтеден менин тайакем Гендун Дайчин (1686-ж. Алтын-хандар тарабынан дайындалган В. Б.) ээлик кылган, анын улусунда кыргыз, уранхан, моторлор көчүп жүрүшчү» – деп билдирүү жасаган.3 Бирок сибирдик бийликтер амалкөйлүк менен: «бул жерлер кыргыздарга таандык болуп келген, Цаган Араптан аларды көчүрүп кеткен. Цаган Араптан менен биргеликте кароолдорду койдук, богдыхандын жери шаар курууга ылайыксыз» – деп жооп кайтарышкан.4 Орус өкмөтү моңгол феодалдарынын талабын негизсиз деп эсептешкен, Хонгорай жери «кыргыз бектеринин ээлигинде болгон, алар өз эли менен мурда эле Орусия державасынын букаралыгын алышкан». Жунгар башкаруучулары карама-каршы пикирде болушуп, «кыргыздарды көп эмес убакыт мурда өзүбүзгө кабыл алдык, ошондуктан алардын жерине ээлик кылууга биздин акыбыз бар» – деп эсептешкен.5 Контайша өз букаралары деп эсептеген кыргыздарды көчүрүп кетип, калган кыштымдарга да ээлик кылгысы келгендиги көрүнүп турат. Ал эми моңгол феодалдары Хонгорайды таптакыр бергилери келген эмес. 1727-ж. чейин жунгар жана моңгол феодалдары кыштымдардан киши башына беш киш терисин салык катары жыйнап ала беришкен. Орус салык жыйноочулары кыштымдардан бирден алтыга чейин киш терисин алып турушкан. Хонгорайдын арасы суюлган калкы өтө оор абалда калган эле. Туба жана Алтыр улустарынын айрым уруктары моңгол феодалы Гун Бубэйдин кысымы менен Саяндан ары көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Бул чечимге чокундуруу коркунучу да себепкер болгон.

    1705–1726-жж. аралыгында мурдагы Туба улусунан Саяндан ары 140 салык төлөөчү кеткен. Алар Кемчик, Улуг-Хем, Бий-Хем жана Косогол тарапка келип отурукташышкан.6 XIX к. баш чендерине чейин Моңголиянын Дзасактухан аймагындагы кошундарда «мудар», б.а. мотор, «харнад» (хурнад), б.а. карнасхам уруктары жашап турушкан. Туба улусунан көчүп келишкен тубалар менен кыштымдар XVIII к. Туванын калкынын арасында кеңири тараган «туба» этнонимин алып келүүлөрү мүмкүн. Мындай көз карашты мурда Г. Е. Грумм-Гржимайло менен С. И. Вайнштейндер да айтышыптыр.

    1716-ж. Петр I нин буйругу боюнча Орусиянын Хонгорайдагы абалын чыңдоо максатында Саян тоосунун этегине орус чыңдоосун тургузууга чечим кабыл алынат. 1718-ж. күз айында чыңдоо Эне-Сайдын оң жээгине, Абакан чыңдоосунан 120 чакырым жогору тарапка тургузулган.7 Саян чыңдоосу (Соян-тура) Моңголия менен байланыштырчу башкы жолду жаап салган.

    1727-ж. 20-августта Кяхтадан 20 чакырым алыстыктагы Бура дарыясында Орусия менен Кытайдын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чек ара трактаты боюнча келишим түзүлөт. Территорияны бөлүштүрүү Саяндар аркылуу өтүп, Абакандын жогорку бийиктиктеринен Жунгар ээликтерине чейин созулган. Саяндардан түндүктөгү бардык жерлер жана андагы жашаган элдер Орусияга, түштүк тараптары Кытайга өткөн.8 Хонгорайдын бардык аймаю-ары боюнча 5 чек ара белгиси орнотулган: Тенгис дарыясынын жогорку агымындагы Ыргах-Таргах тоосундагы ашууга; Бедий-хем дарыясынын жогорку агымындагы Торос-Дабага (Тораасхыр) тоосундагы ашууга; Уса дарыясынын жогорку агымындагы Кынземеде кырына; Уса дарыясы боюндагы Хоин-Дабага (Койарт) ашуусуна; Кем-Кемчик-Бом деген жердеги Хан-Тегир дарыясы аккан Шабин-Дабага (Сабына) ашуусуна орнотулган. Мамлекеттик чек араны кайтаруу «салык төлөөчүлөргө» – койбал, сагай жана белтирлерге жүктөлгөн. Төрт чек ара белгиси красноярдык кызмат адамы А. Чанчиковдун көзөмөлү астында Малобайкотов уругуна кирген Харангыр Интигиров жетектеген койбалдардын карамагында болгон. Он түтүндөн турган Харангырдын кароолу Оя дарыясына жакын турган. Жасоол 20 нөөкөр менен чек ара белгилерин жылына бир ирет текшерүүгө алган. Шабин Дабага (Сабына) чек ара багытын кайтаруу жасоолдор Кишитимек Тылбечеков жана Аючак Азылбаевдер жетектеген сагай жана белтирлердин көз алдында болгон. Алар Жебаш дарыясынын чатына, Таштып жана Чахан дарыяларына кароолдорду коюшкан.9 Шабин-Дабага тоосунан Алтай тарапка кеткен жерлер ачык бойдон кала берген. Жунгар хандыгы кулагандан кийин гана, 1761-жылы Бийскиден Саяндарга чейин узундугу 298 чакырым келген Кузнецк чек арасы орнотулган эле.10 Абакандын жогору жагындагы чек аралардагы ачык жерлер Жунгарияга сүрүлгөн кыргыздардын кайтып келүүсү үчүн «дарбаза» катары кызмат кылган. Чек ара кызматын аткарган Хонторайлык жасоолдор жана башлыктар качкындарды өз аймактарына каттап алышкан.

    Хакас тарыхый санжыраларынын маалыматтары боюнча белтирлер Орусиянын курамына Моолахтын уулу болгон чайзан Миянгастын тушунда киришкен. Жазма булактардын маалыматтары элдин эсиндеги маалыматтар менен дал келет. 1727-ж. Бурин трактаты боюнча келишим түзүүдө белтирлерди башлык Миягаш Моголаков жетектеп турган. Орусия букаралыгын кабыл алуунун белгиси катары Миянгас узун чачын – «кежегесин» кыркып салган. Ошондуктан Миянгас элден «таз» деген лакап ат алган. Орусиянын курамына каратылгандан соң, жергиликтүү элди массалык түрдө чокундуруу башталган. Эркектердин «кежегелерин» башлыктардын кысымы астында кестирип салышкан. Айрымдары чокундуруудан качып, Саяндардан ары көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Бүгүнкү күнгө чейин тувалар хакастарды «донгур» – кыска чачтуулар деп аташат.

    Санжыралык маалыматтарга караганда, орус бийликтери белтир беги Миянгаска бийлик белгилерин: баш ийбегендерди баш ийдирүү үчүн – кылыч, тил албагандарды жазалоо үчүн – камчы, моңгол жана жунгарларга белтирлердин артында Орусия империясы турат дегенди билдирген тууну беришкен.12 Чек ара кызматын аткарган салык төлөөчү адамдарга туу тапшыруу чындыгында эле 1728-ж. болуп өткөн. Асабаларга күндүн сүрөтү түшүрүлүп, төмөндөгүдөй сөздөр жазылган: «Эч кимге эч нерсе берилбейт».13 Бийлик атрибуттарынын белгилеринен болгон эски ыкмада жасалган кылыч XIX к. баш чендеринде Наир Тулбечековдун тукумдарында ыйык нерсе катары сакталгандыгы белгилүү.14

    Көптөгөн жылдарга созулган Хонгорайдын Орусияга бириктирилиши расмий негизде 1727-ж. Бурин трактаты менен толук аяктаган. Ушундан соң, Моңголиянын Хонгорайдын жерине көз артуусу толук токтогон эле. Бирок жунгарлар мурдагы Алтыр улусунан Жунгар хандыгы кулаганга чейин салык жыйнап ала беришкен.

    Хонгорай Орусияга бириктирилгенден соң, анын жерлери Кузнецк, Томск, Красноярск уезддеринин ортосунда бөлүнүп алынган болучу. Кыргыз жана кыштымдардын аман калган аз сандуу бөлүктөрү Сибирь администрациясы тарабынан түзүлгөн жерлердин курамдарына киришти.

    Краснояр шаарынын аймагындагы (1628-ж. курулган) Качин жери Орусия жеңип ала элекке чейин «Кыргыз жери деп эскерилип, Мунгал жерине салык төлөшкөн».15 1701-ж. бул жер 110 салык төлөөчүнү бириктирген беш урукту түзгөн: Шалошин, Кубанов, Татаров, Мунгатов жана Тубин.16 XVIII к. биринчи жарымында курамында кыргыздар менен согушкан татарлар кирген качиндердин негизги бөлүгү Хонгорайдын ээн калган аймактарын өздөштүрө башташкан. 1719–1720-жж. орус документтери «Красноярдан мурда жана кийин Кочен, Арен жана Ястындык кызмат адамдары жана ясакчы (салык төлөөчү) татарлар үй-бүлөлөрү, мал-мүлктөрү менен мурда кыргыздар жашаган жерлерге көчүп барышты».17 Качиндердин Хакас-Минусин аймагына көчүүсү жазуу булактары жана элдик санжыранын(фольклор) маалыматтары аркылуу да бекемделет.18 1755-ж. качиндер Тунгунов жана Узеков «жолдоштору менен мурда аталган жерлерге келип отурукташышты…»19

    Качиндердин көпчүлүк бөлүгү Хакасияга көчүп келишкенден соң, Сибирь администрациясы алардын Июс жана Эне-Сайдын сол жээгиндеги жерлерин таанууга мажбур болгон. 1747-ж. 16-ноябрда Краснояр воеводасынын кеңсесинин чечими менен «аларга Енисейден жогору, Караул жана Абакан чыңдоолору, Ияс дарыясынын аймагындагы жерлерге жашоого уруксат берилген».20 Ошентип, мурдагы Исар улусунун ордуна жаңы Качин жери пайда болгон. Качин урууларынын аталыштары жаңы административдик бирдиктерге жайгаштырылып, алардын оболку мазмуну таптакыр өзгөргөн эле. Качиндер (хааш) теги татар эли катары таанылган болучу. 1795-ж. текшерүүлөрдөн соң, качиндердин саны 2590 салык төлөөчү жанга жеткен.21 1701-ж. салыштырмалуу качиндердин саны 23,5 эсеге көбөйгөн.

    XVIII к. Красноярдан анчалык алыс эмес жайгашкан Качин жери «шаар чети» деп аталган. 1824-ж. ал Краснояр шаарына баш ийген управа болуп түзүлүп, ага үч качин (Шалошин, Татаров, Тубин), үч арин (Татышев, Абалтаев, Арино-Ястын) жана бир арин (Тин) уруктары кирген.22 Калкы орусташып кеткен Качин шаар четиндеги управасы 1885-жылы жоюлган.

    Красноярдан түндүккө карай Эне-Сай жана Бузим дарыяларынын ортолугунда Арин (Аара) жери орун алган. 1701-ж. Анын курамына беш урук кирген: Татышев, Абалтаев, Канбирев, Щербаков, Тетюгин жана саны 81 салык төлөөчү кирген эки волость – Весловская жана Ястын кирген.23 Ариндер кыргыздардын кыштымдары болушкан. Бирок айрым кызмат адамдары башка пикирде болушкан: «Шаардан алыс эмес жердеги татарлар – качиндер жана яриндер, ястиндер Красноярдан алыс эмес жерде көчүпконуп жүрүшөт, булардын аскер адамдарынан жакшылык күтүүгө болбойт, себеби алар теги жагынан кыргыз жана тубиндерге жакын, кыз алып, кыз беришет, алардын ой-пикирлери бирдей, ошондуктан алардан жакшылык күтүүгө негиз жок»24. Болжолу, кыргыз, качин жана ариндердин курамдарында жалпы тектүү уруктар болгон. XVIII к. баш чендеринде ариндердин көпчүлүк бөлүгү Хакасиянын аймактарында көчүп жүрүшчү (Татышев, Абалтаев, Тетюгин, Арино-Весловский жана Арино-Ястин уруктары). Ушундан улам, Арин жери өз алдынчалыгын жоготуп, анын уруктары качиндердин курамына киришкен.

    Эне-Сайдын оң жээгиндеги Сыда жана Мана дарыял арынын ортолугунда Ярин (чарын) жери жайгашкан. 1701-ж. анын курамында 66 салык төлөөчү үч урук болгон: Абалаков, Тинский, Бохтинский. 1795-ж. бул жерде 233 эркек катталган.25 XVIII к. аяк ченинде алар Абалаков уругуна бириктирилип, анда 1795-ж. 105 эркек катталган. Камасин жерине 1701-ж. курамына беш урук кирген саны 46 салык төлөөчү атчан качиндиктер кирип, алар Кургулов, Мунгатков, Яргашин, Мунтуков жана Угумаков деген топтордон турган. Алардын баары Мана дарыясынын бойлорун мекендешчү. XVIII к. аягында атчан качиндер (хааштар) Угумаковдор (айрым учурда Мундуков) тобуна киришкен. 1795-ж. анын курамында 99 эркек болгон.

    Ушундай ич ара көчүрүүлөрдүн натыйжасында Исар улусунун мурдагы кыштымдары Качин жериндеги калган кыргыздардын айланасына биригишкен болучу. Кыргыздардын бул жердеги салыштырма саны көп болгондуктан, XVIII к. аягында качиндерди кээ бир учурда «кыргыздар» деп аташканы маалым.

    Мурдагы Туба улусунда Койбал жери уюштурулган эле. XVIII к. баш чендеринде алар төмөнкү уруктардан турушкан: Турачаков (Койбал же Мотор), Болынебайкотовский, Малобайкотовский, Кольский, Коякский, Аршупов, Урченов, Сыйский, Яржи, Бугучеев, Ингаров, Корнасский, Шараданов, Аскачи, Алыалахамский, Шипов жана «калганы тубалар жана кыргыздар».27 1718-ж. алардын ичинде 292 салык төлөөчү болгон. 1795-ж. карата административдик уруктардын саны алтыга кыскарган: Таражаков, Большебайкотовский, Малобайкотовский, Бугачеев, Аршинский жана Кольский, ал эми калктын саны 528 кишиге чейин көбөйгөн.28 Алар ар түрдүү 173 урукту түзгөн. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде «койбал» деген ат модар беги Койбалдын ысымынан келип чыккан. Сибирь администрациясы бул энчилүү ысымды Койбалдын уругуна, ал эми 1703-ж. кийин модарлар көпчүлүктү түзгөн Туба улусуна ыйгарган.

    Койбал талаасындагы Бугачеев уругунда ордыт (С. Ремезовдуку боюнча «обдуттар») тобу жашаган. Бул топ сүргүндөн калып калган кыргыздардан келип чыгат. XVIII к. койбалдар «качиндер сыяктуу эле калк, алар бири-биринен аталышы боюнча гана айырмаланышат».29 Алардын ичинен Каратуз жана Амыл дарыяларынын ортолугунда жайгашкан Мотор жери бөлүнүп турган. Бул аталыш болжолу, «таштуу жердеги моторлор» дегенди аныктаган. Туба дарыясынан жогору (Казыр жана Кизир дарыялары) тарабында Кайдын жери жайгашкан. XVII к. кайдындар (хайдыннар) Туба улусунун бир аймагын түзүшкөн. XVIII к. чегинде алар өз алдынчалыгын жоготушуп, Ярин, Качин же Койбал жерлеринин курамына кирип турушканы маалым 1822-ж. кайдындар (15 түрдүү тукум) койбал урууларынын Талаа думасынын курамына киришкен.

    Ошентип, мурдагы Исар жана Туба улустарынын ордуна Красноярскиге баш ийген Койбал, Качин, Ярин жана Камасин жерлери түзүлгөн.

    Абакан өрөөнүндө, Уйбат жана Аскиз, Ак Июс дарыяларынын жогорку агымы тарапта Сагай жери түзүлгөн. Ал Том-Сагай жана Юс-Сагай деген эки бөлүккө ажыраган. Сагайлар өздөрүн Хонгорайдын түпкү эли катары эсептешип, тегин «кыргыз уруусуна» байланыштырышат.30 Сагай жери пайда болгондон кийин кошуна жашаган шорлор «сагай» деген ат менен бүткүл Хакасияны жана хакас элин атай башташкан. 1715-ж. Сагай жеринде 39 салык төлөөчү жашаган. Отуз жыл өткөндөн соң, анда жашы жетелектерди эсептебегенде 80 эркек болгон. 1795-ж. анын калкы 678 эркекке жеткен же 12 эсеге көбөйгөн.31 1822-ж. Абакан өрөөнүндө курамы ар түрдүү уруктардан турган Талаа думасы негизделген. Сагай жеринин жашоочулары анын негизин түзүшкөн. Ошондуктан, атоого жеңил болгон Сагай талаа думасы деген аталыш колдонула баштайт.

    Абакандын оң жак жээгинде, Арбат жана Табат дарыяларынан Таштып суусунун өрөөндөрүнүн аймагында Белтир жери негизделген. 1715-ж. анда 36 салык төлөөчү болгон. Сексен жыл өткөндөн соң, белтирлердин саны 578 эркекти түзүп, 16 эсеге көбөйгөн.32 Хакас тарыхый фольклору белтирлерди Алтай тарапка сүрүлгөн хоорайлардын кайтып келгендеринин урпактары катары баяндайт. Бөтөн жерде жүрүшкөн белтирлер моңголдор менен аралашышып, «хара моол пилтiрi» – кара моңголдор менен аралашкандар деп аталып калышкан. Убакыттын өтүшү менен «пилтiр» – аргын деген түшүнүк этникалык аталыш болуп калды. XVIII к. Белтир жери Тувага кошуна жайгашкандыктан, тузалар хакастарды «белдир» деген ат менен атай башташкан. 1822-ж. белтирлер өз алдынча урук катары Сагай талаа думасынын курамына киришти.

    XIX к. алар сагайлар менен жуурулушуп кетишкен.

    Кузнецк Ала-Тоосунун түштүк тарабында, Мрассу дарыясынан жогору, Абакан өрөөнүнөн Матур жана Есь дарыяларына чейинки аймактарда Бирюсин же Мрасс жери түзүлгөн.33 Анын курамына 4 урук кирген: Каргин, Кивин, Кий, Кызыл. 1745-ж. бирюсиндерде 45 эркек болгон.

    1795-ж. карата 1012 эркек болуп, 25 эсеге көбөйүшкөн.34 Бирюсин этникалык аталышы XVIII к. баш чендеринде пайда болсо керек, анткени, бул мезгилге чейин мындай этноним эч жерден эскерилбейт. «Брус» же «брюс» (пурус) деген энчилүү ысым 1703-ж. эскерилет.35 Жогоруда аталган аймактарда жашаган бирюсиндер XVII  к. мурдагы Алтысар улусунун кыштымдары болушкан. 1722-ж. Д. Мессершмидт аларды «брус-кыштым» же бирюсиндик кыштымдар деп атаган экен. XVIII к. биринчи жарымынын аралыгында бирюсиндер сүргүндөн кайткан кыргыздарды жана Мрассу, Кондомго көчүп келишкен шор уруктарын өз курамына сиңиришкен. 1822-ж. алар Сагай талаа думасынын курамына кошулушкан. Убакыттын өтүшү менен бирюсиндер өз энчилүү атынан айрылышып, сагай деп атала башташкан.

    Томь жана Аскиз дарыяларынын жогорку агымдарында, Кузнецк Ала-Тоосунда Верхотом жери түзүлгөн. Ал айрым мезгилдерде Томь же Казанов волосту деп аталчу. Тарыхый санжыранын маалыматтары боюнча хоорайлардын бир бөлүгү сүргүндөн качышып, Томь дарыясынын жогору жагына көчүп кетишкен. Кийинчерээк алар кайтып келишип, бул уруктун мүчөлөрү «том» деп аталып калышкан. Экинчиден, ушул эле урукту Казанов волостунун жашоочулары «хоралар» деген ат менен аташкан.36 Этникалык аталыш жогорку томдук урук мүчөлөрүнүн «Хоорай» этносоциалдык бирикмесине таандык экендигин аныктайт.

    Июс өрөөнүндө жашаган хакастар шорлорду «тумзух» деп аташчу. «Тумзух» сөзү «том суг» – Томь суусунун тургундары дегенди билдирген. Этнографиялык материалдардын негизинде жогорку томдуктарды шор (Елей жана Етибер уруктары) жана кыргыз элементтерин курамына сиңирген теги аралаш урук катары кароого негиз бар. Дегинкисинде, «том» деген этникалык аталыш XVIII к. кийин пайда болгон десек болот. 1822-ж. жогорку томдуктар Сагай талаа думасынын курамына киришип, өз алдынча Казановдор (30дан ашуун ар түрдүү тукумдар) уругуна негиз салышкан. Казанов уругунун экинчи бир бөлүгү (ар түрдүү 32ден ашуун тукум) Томь дарыясынын өрөөнүндө жашап кала беришкен.

    Мурдагы Алтыр улусунун чегинде түзүлгөн Сагай, Белтир, Бирюсин (Мрасс) жана Жогорку Томь жерлери Кузнецк уездинин башкаруусуна киришкен.

    Алтысар улусунун аймагы кирген Июс өрөөнүнүн жерлери XVIII к. Томь уездинин курамына кирип калат. Бул аймакта Кызыл жери пайда болот. Административдик башкаруу багытында алар өз алдынча волостторго бөлүнүшкөн: Кызыл, Бусагар, Шуй, Ачин, Камлар, Курчиков (Кий), Игин, Аргун. 1734-ж. буларда 340 салык төлөөчү болгон.37 60 жылдан соң бул аймактардын эркек кишилеринин саны 2109 адамды түзүп, 7 эсеге көбөйүшкөн.38 Булар 200 ар түрдүү тукумдардан турушкан. Бул тукумдарды бириктирүүчү өзөктүн ролун Алтысар улусунун бир аймагы болгон Кызыл уругу аткарган. Енисей губерниясы түзүлгөндөн кийин жогорудагы аталган волосттор Кызыл талаа думасына биригишип, Ачин округуна карап калышкан. Кызылдар «качиндер менен теги бир эл» катары эсептелишкен. Фольклордун маалыматтары боюнча алар хоорай элинин урпактары катары баяндалышат. Бүгүнкү күнгө чейин ошол айтылган кызыл жеринин топонимикалык аталыштарында 1703-ж. трагедиялуу окуяларын баяндаган энчилүү аттар сакталып келет. Хызыл хас тоосундагы ашуу «Хоорай кош азии» – Хоорай көчүнүн ашкан ашуусу ж.б. аталыштар кездешет.

    Чулум дарыясынын өрөөнүндө, Мелет (Пелет тура) чыңдоосу жайгашкан аймактарда Мелет, төмөнкү агым тарапта Тутал волосту жайгашкан. Акыркы аталыштын келип чыгышы XVII к. биринчи жарымында волостту башкарган бек Туталанын ысымынан келип чыгуусу ыктымал. Туталдарда (тудал) 28 ар түркүн тукумдар болгон. Мелеттер өздөрүн «пелет» деп аташары маалым. 1824-ж. алар Мелет аттуу өз алдынча управаны негиздешкен. Мелеттердин эки уруусуна 70тен ашуун ар түрдүү тукумдар киргендиги маалым. Тутал, мелет жана кызылдардын курамдарында жалпы үй-бүлөлүк аталыштар (фамилиялар) болгон: Айнаков, Байдашев, Барбаков, Сардыгановдор ж.б. Бул мисалдар аталган топтордун этногенетикалык байланыштарын аныктайт.

    XVIII к. карата Хонгорайдагы сакталып калган элдин саны кескин түрдө өсөт. 1795-ж. архивдик документтердин маалыматтары боюнча 8,5 миң эркек болгон. Хакасиянын калкы 1703-ж. сүргүнгө чейинки санына XVIII к. аягында гана жеткен окшойт. Минусин татарларынын талаа думаларынын түзүлгөн мезгилине карата (Орусиянын курамына кирген хонгорлорду ушундайча атап калышкан) аял-эркектердин жалпы саны 22 миң адамды түзгөн. Минусин округунун чектеринде алар калктын 50% түзүшкөн.40

    1822-ж М.М. Сперанскийдин жүргүзгөн реформалары боюнча Хакасия жаңыдан түзүлгөн Енисей губерниясынын курамына киргизилген. Хакастардын чачылыпмайдаланган жерлери жана волосттору 4 талаа думасына бириктирилген: Кызыл, Качин, Койбал, Сагай. Талаа думаларынын чек аралары мурунку кыргыз улустарынын чектери менен жалпысынан дал келет. Хонгорайдын Орусияга бириктирилиши менен Түштүк Сибирдин саясый майданынан кыргыздардын аты, алардын ата журтунун тарыхый энчилүү аты угулбай калат.

    Ошентип эне-сайлык кыргыздардын жаркыраган тарыхы ушундайча кайгылуу аяктап, минусин татарларынын тарыхы башталат.

    ЭСКЕРТҮҮЛӨР

    1. Пропп А. Я. Исторические корни волшебной сказки. – Л., 1986.
    2. Жирмунский В. М. Тюркский героический эпос – Л. 1974. – С. 10.
    3. Ватин В. А. РЯО Оошо 5иа // Сибирский архив. XII. Минусинск, 1914. – С. 538.
    4. Ултургашев С. П. Значение Октябрьской революции в исторических судьбах хакасского народа. // Зап. ХакНИИЯЛИ. ВыпУ1. Абакан, 1958. – С. 19.
    5. Яхонтов С. Э. Древнейшие упоминания названия «киргиз» // Сов. этнография. – 1970. №2. – С. 116.
    6. ЦГАРХ.Ф.Р-16.0п.1 Д.34А.46.
    7. Бартольд В. В. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии. //Сочинения. Т. V. – М., 1968. – С. 41.
    8. Советская историческая энциклопедия. – М, 1974. – Т. XV. – С. 490.
    9. Козлов В. И. Национальности СССР. Этнодемографический обзор. – М, 1982. – С. 217.
    10. Шерстова Л. И. Переходные этносы и формы этнической само- идентификации (Южная Сибирь, начало XX в.). //Американский и сибирский фронтир Американские исследования в Сибири. Вып. 2. – Томск, 1997.-С. 153.
    11. Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. – Абакан. 2000. – С. 40-48.
    12. Бромлей Ю. В. Современные проблемы этнографии (очерки теории и истории). – М., 1981; Мифологический словарь. – М., 1990; Токарев С. А. Религия в истории народов мира. – М., 1986; Алексеев Н. А. Ранние формы религии тюркоязычных народов мира. – Новосибирск, 1980; Алексеев Н. А, Традиционные религиозные верования тюркоязычных народов Сибири. – Новосибирск, 1992; Потапов А И. Алтайский шаманизм. – Л, 1991; Липец Р. С. Образы батыра и его коня в тюрко- монгольском эпосе. – М., 1984 и др.
    13. Соколова В. К. Русские исторические предания. – М., 1990. – С. 252.
    14. Азбелев С. Н. Отношения предания, легенды и сказки к действительности (с точки зрения разграничения жанров). //Славянский фольклор и историческая действительность. – М., Наука, 1965. – С.11–12.
    1. Словарь иностранных слов. – М., Русский язык, 1986, – С. 317.
    2. Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999. – С. 30, 76.
    3. Ошол эле. С. 221.
    4. Ошол эле. С. 221.
    5. Миллер Г. Ф. История Сибири. Т. I. – М. – А, 1941. – С. 1961887.
    6. Катанов Н. Ф. Наречия урянхайцев (сойотов), абаканских татар и карагасов. //Образцы народной литературы тюркских племен. – СПб Ч.1Х, 1907. – С. 541.
    7. Бутанаев В. Я, Бутанаева И. И. Хоорай чоннын тореллер! – Абакан, 1996. – С. 45–46.
    8. Yogann Georg Ymelin / Riese durch Sibirien. – Yottingen. – С. 171–172.
    9. Кастрен М. А. Путешествие Александра Кастрена по Лапландии, Северной России и Сибири (1838–1844), (1845–1849). //Магазин землеведения и путешествий. – М., 1860. Т.6. 4.2. – С. 230.
    10. Костров Н. А. Очерки быта минусинских татар. //Труды IV археологического съезда в России, бывшем в Казани с 31 июля по 18 августа 1877. – Казань, 1884. Т.1. – С. 108-148; Костров Н. А. Кизильские татары. // Москвитянин. 1854, Кн.1. №11. Отд. 5. – С. 156.
    11. Радлов В. В.. Из Сибири. – М., 1989. – С. 90.
    12. Ошол эле. С. 246.
    13. Катанов Н. Ф. Предания присаянских племен в прежних делах и людях. – СПб, 1909. – С. 267-268.
    14. Катанов Н. Ф. Замечания о богатырских поэмах минусинских тюрков (Енисейская губерния), СПб, 1885. С. 5.
    15. Катанов Н. Ф. Наречия урянхайских (сойотов), абаканских татар и карагасов. //Образцы народной литературы тюркских племен. – СПб, Ч. IX, 1907. – С. 469-488.
    16. Островских П. Е. Этнографические заметки о тюрках Минусинского края. (Отчет о поездке 1894 г.). //Живая старина. Вып. Ш-1У.
    • СПб, 1895.-С. 299.
      1. Ошол эле. С. 302.
      2. Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хоорай чоннын тореллерь – Абакан, 1996. – С. 39-40.
      3. Яковлев Е. К. «Бывалыцина» минусинских инородцев. //Живая старина. Вып. 1-4.1902. – С. 3.
      4. Ошол эле. С. 3.
      5. Мойнагашев С. Д Отчет по поездке к турецким племенам Минусинского и Ачинского уезда Енисейской губернии летом 1914. Известия Русского комитета для изучения Средней и Восточной Азии в историческом, археологическом и этнографическом отношениях. Сер.П. № 3. – Петроград. 1914. – С. 108-115.
      6. Аран (Санкт-Петербург) Ф. 142. Оп. 2, д. 53. – С. 1; А. Н. Гладышев- ский. Степан Дмитриевич Мойнагашев. 1886 – 1920. Очерк о жизни и деятельности. – Абакан, 1999. – С. 59. 37 Козьмин Н. Н. Источники для изучения Минусинского края. // Сибирские записки.

    №3. – Красноярск, 1917. – С. 92.

    1. Дыренкова Н. П. Шорский фольклор. – М. – А., 1940. – С. 5.
    2. Алыптыг нымахтар. – Абакан, 1951; Хакас чоннын нымахтары. – Абакан, 1956. Хакс.
    3. Алтын Арыг. Абакан, 1958; Айдолай. – Абакан, 1959; Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. Абакан, 1960,
    4. Тас чурек (хакасские сказки). – Абакан, 1969. – С. 21 – 24.
    5. Патачаков К. М. Родовой состав и народные предания о происхождении бельтыров. // Зап. ХакНИИЯЛИ. Вып. VII. Абакан, 1959.
    • С. 127- 134.
      1. Хоорай чоннын тореллерг – С. 73.
      2. Боргояков М. И. Этюды по топонимике Хакасии. //Зап. ХакНИИЯЛИ, Вып. XVIII. Абакан, 1973, № 2. – С. 32-42.
      3. Боргояков М. И. Вопросы этногенеза хакасов ХVП-ХVШ вв. и исторические предания. / /Уч.зап. ХакНИИЯЛИ. Вып. XIX. – Абакан, 1974. № 5. – С. 122.
      4. Унгвицкая М. А., Мойногашева В. Е. Хакасское народное поэтическое творчество. – Абакан, 1972.
      5. Ошол эле. С. 142.
      6. Ошол эле. С. 141.
      7. Ошол эле. С. 144-145.
      8. Тасха Матыр. Историческая легенда. – Абакан, 1962.
      9. Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. – Абакан, 1960. – С. 9-41.
      10. Унгвицкая М. А., Мойногашева В. Е. Хакасское народное поэтическое творчество. – Абакан, 1972. – С. 146,151.
      11. Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. – Абакан, 1960 (см. ссылки № 55 – 57).
      12. Мифы и легенды хакасов. – Абакан, 1995. – С. 4 – 5; Хакасские народные сказки, предания и легенды. – Новосибирск, 1974. – С. 5.; Трояков П. А. Героический эпос хакасов и проблемы изучения (исследование и приложение). – Абакан, 1991; Он же. К вопросу об этногенезе хакасов по материалам легенд. //Этногенез народов Северной Азии. – Новосибирск, 1989.
      13. Трояков П. А. Некоторые вопросы изучения хакасского эпоса. // Вопросы хакасской филологии. – Абакан, 1962. – С. 127.
      14. Трояков П. А. Мотив закапывания ханского сына в хакасских сказках. //Уч.зап. ХакНИИЯАИ. Вып. Х^. – Абакан, 1970. – С. 138.
      15. Ошол эле. С. 143.
      16. Бутанаев В. Я. К исторической этнонимике хакасов (термин «Хоорай»), //Историческая этнография. Вып.З. А., 1985. – С. 25 – 29; Ошол эле. Об этногенетических связях хакасов с енисейскими кыргызами (по материалам хакасского исторического фольклора). // Этногенез и этническая история тюркоязычных народов Сибири и сопредельных территорий. – Омск, 1979. – С. 149 – 152; Ошол эле. К вопросу о социальной структуре средневекового общества хакасов по данным исторического фольклора. //Из истории Сибири. – Томск, 1976. Вып. 21. – С. 201 – 207; Ошол эле. Вооружение и военное дело хакасов в позднем средневековье (по материалам фольклора). //Военное дело древних племен Сибири и Центральной Азии. – Новосибирск, 1981. – С. 188 – 197; Ошол эле. Хакасские народные названия исторических памятников. //Вопросы древнейшей истории Южной Сибири. – Абакан, 1984. – С. 127 – 135; Ошол эле. Историческая судьба енисейских кыргызов по данным фольклора народов Южной Сибири. //Вопросы этнической истории киргизского народа. – Фрунзе, 1989. – С. 66-77.
      17. Бутанаев В. Я. Сравнительно-исторический подход в изучении взаимосвязей фольклора тюрко-монгольских народов Саяно-Алтая. // Поиск. Научно-образовательный журнал. – Абакан, № 2, 1995. – С. 70.
      18. Бутанаева И. И. Чанар-хус; Абахай-Пахта. //Колчан сердечных стрел. Любовная лирика, героические сказания и легенды о любви сибирских тюрков в записях XIX – XX веков. – Красноярск, 1995. – С. 261-291.
      19. Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Чирiм тамырлары. Абакан, 1982; Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хоорай чоннын тореллер! – Абакан, 1996.
      20. Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хакасское сказание о князе Силиг-ооле и его походе на Кузнецкий острог. //Чтения памяти Э.Ф.

    Чистякова (к 70-летию со дня рождения). 4.1 – Новокузнецк, 2000. – С. 43–46; Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хакасские сказания об ойратских правителях (XVIII в.). //Проблемы истории и культуры кочевых цивилизаций Центральной Азии. Т 1. – Улан-Удэ, 2000. – С. 313–318; Бутанаева И. И. Предания о Ханза-беге. //Этнография народов Сибири и Монголии. – Улан-Батор – Улан-Удэ, 2000. – С. 245–256.

    1. Колчан сердечных стрел. Любовная лирика, героические сказания и легенды о любви сибирских тюрков в записях XIX–XX веков. Красноярск, 1995.
      1. Списки сказителей приведены на последних страницах указанных сборников.
      2. Радлов В. В. Образцы народной литературы тюркских племен, живущих в Южной Сибири и Дзунгарской степи. – Ч.И. – СПб.
      3. М. Р. Баинованын билдирүүсү, 1940 г. туулган, энеси жагынан Катунчи Кыжинаевдин чөбөрөсу болот.
      4. Катанов Н. Ф. Наречия урянхайцев (сойотов), абаканских татар и карагасов. //Образцы народной литературы тюркских племен. – СПб., 1907. Ч. IX.
      5. Катанов Н. Ф. Хакасский фольклор. – Абакан, 1963.
      6. Яковлев Б. К. Бывальщины минусинских инородцев. //Живая старина В. 1–4, 1902.
      7. Хакасский фольклор. №1. Абакан, 1941; Хакасский фольклор.№2. – Абакан, 1946.
    1. Хакасские народные сказки. – Абакан, 1955.
    2. Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. – Абакан, 1960.
    3. Хакас нымахтары. Абакан, 1964; Атыгча оол. Хакас чоннын нымахтары, кип-чоохтары. – Абакан, 1970; Хакас чоннын кип-чоохтары. – Абакан, 1990.
    4. Тасха Матыр. – Абакан, 1962.
    5. Коре Сарыг на буланом коне. Хакасские народные сказки, предания и легенды. – Новосибирск, 1974; Мифы и легенды хакасов. – Абакан, 1995; Золотая чаша. Хакасские народные сказки и предания. – Красноярск, 1975.
    6. Хакас поэзиязынын антологиясы. Абакан, 1960; Музыкальное творчество хакасов – Абакан, 1955.

1 Б а п

  1. Чирүм тамырлары. – Абакан, 1982. – С. 15 – 17; Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хоорай чоннын тореллер! – Абакан, 1996. – С. 11-12.
  2. Миненко Н. А. Предания о чуди и народная концепция присоединения Сибири (к изучению этнокультурных контактов русских с сибирскими татарами). //Этническая культура Сибири. Проблемы эволюции и контактов. – Новосибирск, 1986. – С. 51 – 53.
  3. Киселев С. В. Древняя история Южной Сибири. – М, 1951. – С. 473.
  4. Бутанаев В. Я. Хакасские народные названия исторических памятников. //Вопросы древней истории Южной Сибири. – Абакан, 1984. – С. 129.
  5. Хоорай чоннын тореллер! – С. 45 – 46.
  6. Боргояков М. И. Скифо-тюркские (хакасские) этнографические и фольклорные параллели. //Народы Азии и Африки. № 6. – 1975.
  7. Хоорай чоннын тореллер1 – С. 145.
  8. Рашид-ад-дин. Сборник летописей. – М. – А., 1952. Т. Ү. – С. 121.
  9. Хоорай чоннын тореллер1 – С. 142 – 144.
  10. Рашид-ад-дин. Указ. соч. – С. 122.
  11. Хоорай чоннын тореллер1 – С. 30.
  12. Девять бубнов шамана. Шорские легенды и предания. – Кемерово, 1989. – С. 64-68.
  13. Бартольд В. В. Сочинения. Т. V. М. – С. 44.
  14. Рассадин В. И. Тофаларско-русский словарь. – Иркутск, 1995. – С. 9.
  15. Миллер Г. Ф. История Сибири. Т.Н. – М. – А., 1941. – С. 534.
  16. Гоголев А. И. Якуты (проблема этногенеза и формирования культуры). – Якутск, 1993. – С.51.
  17. Сазанакова Кочита, 1913 жылы туулган, белтир уруусунан, Арбаты айылы.
  18. Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т.1. – М – А, 1950. – С. 354; Кюнер Н.В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. – М., 1961. – С.49.
  19. Аешина Т. И., 1913- жылы туулган, качин уруусунан, Тастар айылы.
  20. Кюнер Н. В. Указ. соч. – С. 52.
  21. Савинов Д Г Основные этапы этнической истории алатов //Историческая этнография. Вып.Ш. – А, 1985. – С. 32.
  22. Бутанаев В. Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. – Абакан, 1995. – С. 190-191.

23 Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хоорай чоннын тореллер1; – С.

  1. (В дальнейшем Хоорай чоннын тореллер1).
  2. Көрсөтүлгөн эмгек. 36-6.
  3. Кычанов Е. И. Сведения в «Юань-ши» о переселении киргизов в XҮҮҮ в. (публикация источников). //Известия АН Кирг. ССР. Сер. общ. наук. Т. V. Вып.1. – Фрунзе, 1963. – С. 59.
  4. Радлов В. В. Предисловие. // Манас. Героический эпос киргизского народа. – Фрунзе, 1968. – С. 18.
  5. Абдыракунов Т. Ак Мактым. – Фрунзе, 1983.
  6. Монгольско-русский словарь. – М., 1957. – С. 515.
  7. Бутанаев В. Я. Историческая судьба енисейских кыргызов по данным фольклора народов Южной Сибири //Вопросы этнической истории киргизского народа. – Фрунзе, 1989. – С. 69.
  8. Архив Музея антропологии и этнографии им. П. Великого. Ф.11. Оп. 1. Д. 65. С. 65.
  9. Бутанаев В. Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. – Абакан, 1995. – С. 192.
  10. Чирүм тамырлары. – С. 14 – 15.
  11. Хоорай чоннын тореллер1 – С. 12-25.
  12. Чирүм тамырлары. С. 62; Ала-Тоо. – Фрунзе, 1987, N° 6. – С. 44.
  13. Дыренкова Н. П. Шорский фольклор. – М. – А., 1940. – С. 304; Хоорай чоннын тореллерү – С. 16 – 22.
  14. Хоорай чоннын тореллер1 – С. 19 – 22.
  15. Бутанаев В. Я. Хакасские народные названия исторических памятников. //Вопросы древнейшей истории Южной Сибири. – Абакан, 1984. – С. 133.
  16. Хоорай чоннын тореллер:. – С. 64–68, 153.
  17. Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999. – С. 6-8.
  18. Чирүм тамырлары. – Абакан, 1982. – С. 18–20; Хоорай чоннын тореллер1 – Абакан, 1996. – С. 28.
  19. Чирүм тамырлары. – С. 60 – 61.
  20. Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999. – С. 203.
  21. Чирүм тамырлары. – С. 21–24; Хоорай чоннын тореллер!. – С. 28
  22. Хара Паар. Хакас чоннын нымахтары, кип-чоохтары. – Абакан, 1979. – С. 9; Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. – Абакан, 1960. – С. 89.
  23. Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов.
  • Абакан, 2000. – С. 153.
    1. Хоорай чоннын тореллерү – С. 29.
    2. Ошол эле. С. 35.
    3. Ошол эле. С. 36.
    4. Катанов Н. Ф. Наречия урянхайцев (сойотов), абаканских татар и карагасов. //Образцы народной литературы тюркских племен. СПб., 1907. Ч. ҮX. Указатель к текстам абаканским С. XXXV.
    5. Суразаков С. С. Из глубины веков. – Горно-Алтайск, 1982. – С. 8.
    6. Бутанаев В. Я, Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. – Абакан, 2000. – С. 42.
    7. Шорские героические сказания. Кан Перген. Алтын Сырык. М, – Новосибирск, 1998. – С. 324.
    8. Бутанаев В. Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. – Абакан,1995. – С. 148–149.
    9. Бутанаев В. Я. Вооружение и военное дело хакасов в позднем средневековье (по материалам фольклора). //Военное дело древних племен Сибири и Центральной Азии. – Новосибирск, 1981. – С. 188 – 194.
    10. Ксенофонтов Г. В. Ураангхай-сахалар. Т.П. – Якутск, 1992. – С. 87.
    11. Бутанаев В. Я, Худяков Ю. С. Указ. соч. – С. 42.
    12. Ватин В. А. Минусинский край в XVҮҮҮ веке. Этюд по истории Сибири. – Минусинск, 1913. – С. 183.
    13. Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. – Абакан, 1960. – С. 63.
    14. Бутанаев В. Я. Происхождение хакасских родов и фамилий. – Абакан, 1994. – С. 30.
    15. Хоорай чоннын тореллерү – Абакан, 1986. – С. 38.
    16. Бутанаев В. Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. – Абакан, 1995. – С. 211.
    17. Щеглов И. В. Хронологический перечень важнейших данных из истории Сибири. 1032 – 1882 гг. – Сургут, 1993. – С. 56.
    18. Хоорай чоннын тореллер! – С. 38 – 39.
    19. Миллер Г. Ф. История Сибири. Т.1 – М. – А., 1940. – С. 49.
    20. Девять бубнов шамана. Шорские легенды и предания. – Кемерово, 1989. – С. 64–68.
    21. Бутанаев В. Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. – С. 64.
    22. Хоорай чоннын тореллерү – С. 48.
    23. Бутанаев В. Я. Почитание тесей у хакасов. //Традиционная культура народов Центральной Азии. – Новосибирск, 1986 – С. 94.
    24. Хоорай чоннын тореллерү – С. 39 – 40.
    25. Монгольско-русский словарь. М.,1957. – С. 88.
    26. Хоорай чоннын тореллерү – С. 41.
    27. Ошол эле. С. 44. 73. Ошол эле. С. 46.
    28. Миллер Г. Ф. История Сибири. Т.Н. – М. – Л, 1941. – С. 49.
    29. Ошол эле. С. 41.
    30. Яковлев Е. К Этнографический обзор долины Южного Енисея. – Минусинск, 1900. – С. 9.
    31. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов XVҮҮ–XҮX вв. – С. 63.
    32. Баскаков Н. А. Диалект черных татар (туба-кижи). Тексты и переводы. – М, 1965. – С. 22.
    33. Радлов В. В. Образцы народной литературы тюркских племен, живущих в Южной Сибири и Дзунгарской степи. 4.2. – СПб., 1862. – С. 375.
    34. Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999.
    35. Катанов Н. Ф. Автобиография и библиография. – М. – Абакан, 1997. – С. 8.
    36. Хоорай чоннын тореллерү – С. 136–137. 83. Хоорай чоннын тореллерү – С. 109–110.
    37. Ошол эле С. 60–61.
    38. Ошол эле. С. 72–92.
    39. Бутанаев В. Я. Указ. соч. С. 51.
    40. Бутанаев В. Я. Указ. соч. С. 42.
    41. История стран Азии и Африки в средние века. – М., 1987. 4.2; Новичихин А. Д Турция. Краткая история. – М., 1965.
    42. Хоорай чоннын тореллер! – С. 111–116.
    43. Козин С. А Сокровенное сказание. – М. – А, 1941. – С. 174.
    44. Хоорай чоннын тореллер! – С. 97–100.
    45. Бутанаев В. Я. Указ. соч. С. 73.
    46. Хоорай чоннын тореллер! – С. 60–67.
    47. Бутанаев В. Я. Присоединение «Кыргызской земли» к России и судьба енисейских кыргызов. //Россия и Хакасия: 290 лет совместного развития. – Абакан, 1998. – С. 40.
    48. Хоорай чоннын тореллер! – С. 102–109.
    49. Бутанаев В. Я. Происхождение хакасских родов и фамилий. – Абакан, 1994.
    50. Катанов Н. Ф. Наречия урянхайцев, абаканских татар и карага- сов. //Образцы народной литературы тюркских племен. Ч.ҮХ. – СПб., 1907. – С. 604–605.
    51. Хоорай чоннын тореллер!;. – С. 127–128.
    52. Ошол эле. С 125–127. 100. Ошол эле. С. 66.
    53. Ошол эле. С. 52–53.
    54. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов XVҮҮ–XҮX вв. – С. 78.
    55. Янгулов Уста Прочтун айтканы, 1890-ж туулган, кызылдардан, Ошколь айылы.
    56. Чирүм тамырлары. – С. 4–6.
    57. Эсептөөлөр төмөнкү китеп боюнча жүргүзүлдү: Бутанаев В. Я.

Происхождение хакасских родов и фамилий. – Абакан, 1994.

II  Бап

  1. Гуркин Г. Алтайские сказания о Сартакпае. //Записки ЗСО ИРГО. Т. 38. – Омск, 1916. – С. 147.
  1. Потапов Л. П. Мифы алтае-саянских народов как исторический источник. //Вопросы археологии и этнографии Горного Алтая. – Горно- Алтайск, 1983. – С. 108; Потанин Г.Н. Путешествие по Монголии. – М, 1948. – С. 389–390; Аносский сборник. //Записки ЗСОИРГО. Т.37. – Омск, 1915. – С. 244–245.
  2. Будагов А. Сравнительный словарь турецко-татарских наречий со включениями употребительнейших слов арабских и персидских и с переводом на русский язык. – СПб. Т. 1.1869. – С. 612.
  3. Чирүм тамырлары. – Абакан, 1982. – С. 3.
  4. Ошол эле. С. 8.
  5. Хангалов М Н. Сборник сочинений. Т.З. – Улан-Удэ, 1960. – С. 17. 7. Мурад Аджи. Европа, тюрки. Великая Степь. – М, 1998. – С. 15.
  6. Чирүм тамырлары. – С. 8–11.
  7. Ошол эле. С. 12-14.
  8. Древнетюркский словарь. Л, 1969. – С. 598.
  9. Хоорай чоннын тореллер! – С. 41–43.
  10. Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. – Бишкек, 1995. С. 11–29.
    1. Чирүм тамырлары. – С. 67–68.
    2. Л. М. Сагалаковдун билдирүүсү, 1913-ж. туулган, сарыглар уруусунан, Усть-Кандырла айылы.
    3. Сазанакова Кочитанын билдирүүсү, 1913-ж. туулган, белтир уруусунан, Арбаты айылы.
    4. Хоорай чоннын тореллер! – С. 12, 56.
    5. Древнетюркский словарь. – А, 1969. – С. 84.
    6. Хакас чоннын кип-чоохтары. – Абакан, 1990. – С. 153–154.
    7. Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1, – М. – Л, 1950. – С. 353.
    8. Хоорай чоннын тореллерү – С. 91.
    9. Ошол эле. С. 90–91.
    10. Чирүм тамырлары. – С.24–27.
    11. Хакас чоннын кип-чоохтары. – Абакан, 1990. – С. 170.
    12. Чирүм тамырлары. – С. 35–39.
    13. Урманчеев Ф. Героический эпос татарского народа. – Казань, 1984. – С. 141–142; Мурад Аджи. Полынь Половецкого поля. – М., 1994. – С. 302.
    14. Радлов В. В. Образцы народной литературы тюркских племен Южной Сибири и Джунгарской степи. – СПб. Ч. 1. – С. 204–212; – СПб, 1872. 4.4. – С. 45–058, 142–152.
    15. Гоголев А.И. Якуты (проблемы этногенеза и формирования культуры). – Якутск, 1993. – С. 118.
    16. Унгвицкая М. А., Мойногашева В. Е. Хакасское поэтическое творчество. – Абакан, 1972. – С. 168.
    17. Потапов Л. П. Этнический состав и происхождение алтайцев. Историко-этнографический очерк. – А., 1969. – С. 23.
  1. Хоорай чоннын тореллерү – С. 23–24.
  2. Чирүм тамырлары. – С. 6–7.
  3. Хакас чоннын кип-чоохтары. – С. 72–73; Чирүм тамырлары. С. 58–59.
    1. Абдыракунов Т. Ак Мактым. – Фрунзе, 1983.
    2. Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999. – С. 16.
    3. Бутанаев В. Я. Этническая культура хакасов. – Абакан, 1998 – С. 179.
    4. Радлов В. В. Образцы народной литературы тюркских племен Южной Сибири и Джунгарской степи. – СПб., 1866. Ч. 1. – С. 171.
    5. Колчан сердечных стрел. Любовная лирика, героические сказания и легенды о любви сибирских тюрков в записях XҮX–XX вв. – Красноярск, 1995. – С. 261–267.
    6. Кулагашева Обдонун билдируүсү, 1895-ж. туулган, качин уруусунан, Окунев айылы.
    7. Балганова Прасковья Хогдаевнанын билдирүүсү, 1913-ж. туулган, качин уруусунан, Болганов айылы; Образцы народной литературы тюркских племен. Ч. 9. – СПб, 1907. – С. 434.
    8. Готлиб А. И., Бутанаев В. Я. Историческая основа хакасского фольклора о крепостных сооружениях – све. //Памятники кыргызской культуры в Северной и Центральной Азии. – Новосибирск, 1990. С. 140.
      1. Кадышев С. Пнын билдирүүсү, 1890-ж. туулган, кызыл уруусунан, Тарча айылы.
      2. Киргизско-русский словарь. – М., 1965. – С. 708; Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999. – С. 53–57.
      3. Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. – Абакан, 1960. – С. 53 – 57; Тулбар ат. // Хакас чирү 19 февр. 1994.
  1. Чирүм тамырлары. – С. 69 – 71.
  2. Кыргыз эл жомоктору. – Фрунзе, 1978. – С. 283-285; Казахские сказки. – Алма-Ата, 1962. Т.2. – С. 269; Башкирские предания и легенды. – Уфа, 1985. – С. 104–105.
  3. Хоорай чоннын тореллерү – С. 25 – 28.
  4. Бутанаев В. Я., Абдыкалыков А. Материалы по истории Хакасии XVҮҮ – XVҮҮҮ вв. – Абакан, 1995. Генеалогия кыргызских князей Алтысарского улуса.
  5. Хакас чоннын кип-чоохтары. – Агбан. 1960. – С. 34 – 41; Доможаков Сыгандын билдирүүсү, 1888-ж. туулган, качин уруусунан, Доможаков айылы.
  6. Кычанов Е. И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. С. 145.
  1. Т. И. Кинзенованын билдирүүсү, 1914-ж. туулган, сагайлардан, Усь-Бирь.
  2. Казахские народные сказки. – Алма-Ата, 1978. – С. 138.
  3. Хоорай чоннын тореллер! – С. 93–97.
  4. Хоорай чоннын тореллер! – С. 100, 134–136.
  5. Эргис ГУ. Очерки по якутскому фольклору. – М., 1974. – С. 226; Слово об Алтае. История, фольклор, культура. – Горно-Алтайск. 1990. – С. 182–185; Девять бубнов шамана. – Кемерово, 1994. – С. 33.
  1. Хоорай чоннын тореллер! – С. 131–133.
  2. Ошол эле. С. 131–133.
  3. Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хакасское сказание о князе Силиг- ооле и его походах на Кузнецкий острог. //Чтения памяти Э. Ф. Чиспиякова. (К 70-летию со дня рождения). 4.1. – Новокузнецк.
  4. – С. 43–46.
  5. Тасха Матыр. – Абакан. 1982. – С. 40–52.
  6. М.А.Янгуловдун билдируүсу, 1911-ж. туулган, ажыг уруусунан, Секта айылы.
  7. Чирүм тамырлары. – С. 52.
  8. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов XVҮҮ–XҮX вв. – С. 28.
  9. ЦГАРХ. Ф. Р-675. Оп. 1, д. 15, л. 29 об.
  10. Бахрушин С. В. Енисейские кыргызы в XVҮҮ в. – С. 185.
  11. Бутанаев В. Я., Абдыкалыков А. Материалы по истории Хакасии XVҮҮ–нач. XVҮҮҮ вв. – Абакан,. 1995. – С. 14.
  12. Материалы русско-монгольских отношений 1636–1654. Т. 2, – М, 1974. – С. 220–222.
  13. Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. – Абакан, 2000. – С. 154.
  1. Козьмин Н. Хакасы. – Иркутск, 1925. – С. 63.
  2. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов XVҮҮҮ – нач. XҮX вв. – М, 1990. – С. 156.
  3. Александров В. А. Русское население Сибири XVҮҮ – нач. XVҮҮҮ вв. (Енисейский край). М., 1964. /Труды Института этнографии. Т.
  4. – М., 1981. – С. 56.
  5. ЦГАРХ Р-675. Оп. 1, Д.13. С. 1.
  6. Александров В. А. Указ. соч. – С 52.
  7. ЦГАРХ Р-675, оп. 1. Л 12. – С. 173.
  8. Бутанаев В. Я., Абдыкалыков А. Указ.соч. – С. 172.
  9. ЦГАРХ Р-615. Оп. 1. Д.10. С. 3. 75. ЦГАРХ Р-615. Оп. 1. Д.9. С. 94.
  10. ЦГАРХ Р-615. Оп.1. Д.9. С. 82.
  11. Устное народное творчество алтайского народа. – Горно-Алтайск, 1962. – С. 44; Бедюров Б.Ч. Слово об Алтае. – Горно-Алтайск, 1990. – С. 132-138.
  12. Чудояков А. И. История изучения жанра «кай». //Советская тюркология. №1. – Баку,1986. – С. 73.
  13. Русские писатели о Хакасии. – Абакан, 1958. – С. 33.
  14. Татаринцев Б. И. Тувинское горловое пение. Проблемы происхождения. – Кызыл, 1998. – С. 4, 15.
  15. Ямаева Е. Е. Мифы алтайцев. // Фольклорное наследие Горного Алтая. – Горно-Алтайск, 1989. – С. 177.
  1. Хоорай чоннын тореллер! – С. 3.
  2. Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. – Абакан, 1960. – С. 186–190. Боргояков Хамджынын билдирүүсү, 1890-ж туулган, сагай- лардан, Илиморов айылы.
  3. Хакас чоннын кип-чоохтары, нымахтары. – Абакан, 1960. – С. 57–59; Хоорай чоннын тореллерү – С. 53–58; Хакас чоннын кип-чоохтары. – Агбан, 1990. С. 27–32.
  4. Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999. – С. 60–61.
  5. Бутанаева И. И. Предания о Ханза-беге. //Этнография народов Сибири и Монголии. – Улан-Батор – Улан-Удэ, 2000. – С. 245–254.
  6. Кастрен М. А. Путешествие А. Кастрена по Лапландии, Северной России и Сибири в 1838-1849 гг. // Магазин землеведения и путешествий. – М» 1869. – Т. 6. Ч. 2. – С. 230.
  7. Хоорай чоннын тореллерү – С. 88.
  8. Павлючик С. К. О народных песнях шорцев. // Этнография народов Сибири. – Новосибирск, 1984. – С. 139-140.
  9. Караңыз: Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов 17–19 вв. // Материалы к серии «Народы Советского Союза». Вып. 3. Хакасы. – М, 1990. – С. 54.
  10. Функ Д. А. Устное творчество, игры и развлечения бачатских телеутов. //Материалы к серии «Народы и культуры». Вып.15. Телеуты. – М» 1992. – С. 41–42.
  11. ХакНИИЯЛИ. Рук-Ф- № 590. Л. 34.
  12. ЦГАРХ. Р-675. Оп. 1., Д15. С. 5–6.
  13. Ошол эле. С. Ү.
  14. Ошол эле. С. 2. 96. Ошол эле. С. 5.
  15. Ошол эле. С. 3.
  16. Ошол эле. С. 19.
  17. Вербицкий В. И. Алтайские инородцы – М, 1893. – С. 200–203.
  18. Бутанаев В. Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. – Абакан, 1995. – С. 26.
  19. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов 17–19 вв. – С. 135.
  20. Ошол эле. С. 152. 103. Ошол эле. С. 152.
  21. Кычанов Е. И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. М., 1997. – С. 31.
    1. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов 17–19 вв. – С. 156.
    2. Караңыз: Бутанаев В. Я, Бутанаева И. И. Хакасские сказания об ойратских правителях (XVҮҮҮ в.). //Проблемы истории и культуры кочевых цивилизаций Центральной Азии. – Улан-Удэ, 2000. – С. 313–318.
    3. Контайша – титул джунгарского хана.
    4. Чирүм тамырлары. – С. 71–76; Хакас чоннын кип-чоохтары.
  • Агбан, 1990. – С. 179–180.
    1. ХакНИИЯЛИ. Рук.ф. № 159.
    2. Радлов В. В. Образцы народной литературы тюркских племен, живущих в Южной Сибири и Дзунгарской степи. – СПб, 1868. Ч. 2.
  • С. 375–379.
    1. Хоорай чоннын тореллерг. С. 23–24.
    2. Златкин И. Я. История Джунгарского ханства. 1635–1758. М., 1983. С. 235.
    3. Златкин И. Я. Көрсөтүлгөн эмгек. С. 245–246. 114. Златкин И. Я. Көрсөтүлгөн эмгек. С. 286.
    4. Златкин И. Я. Көрсөтүлгөн эмгек. С. 293–301.
    5. «Сора» фольклордук чыгармасы 1972-ж. биз тараптан жомокчу Е. Н. Кулагашевадан жазылып алынган, 1895-ж. туулган.
    6. Киргизско-русский словарь. – М. 1965. Хакас тилиндеги «сора» кыргыз тилиндеги «чоро» деген сөзгө дал келет. С. 868.
    7. Ватин В. А. Минусинский край в XVҮҮ веке. Этюд по истории Сибири. – Минусинск. 1913, – С. 65.
    8. Чир1м тамырлары. – Абакан. 1982. – С. 91–93.
    9. Щеглов И. В. Хронологический перечень важнейших данных из истории Сибири. 1032–1882. – Сургут, 1993, – С. 172; Карцов В. Г. Хакасия в период разложения феодализма (XVҮҮҮ – первая половина XҮX в.). – Абакан, 1970. – С. 21.
    10. Виз тараптан. Котожеков Петрухадан жазылып алынган, 1895-ж.туулган, ах хасха уруусунан, Салда айылы.
  1. Виз тараптан Кокова Матрустан жазылып алынган, 1895-ж. туулган, качин уруусунан, Тупик станциясы.
  2. Хоорай чоннын тореллер1 – С. 50–51.
  3. Чир1м тамырлары, 1982, – С. 93–94.
  4. Лисовский Н. Сибирский художник Л И. Катанов. – Красноярск, 1974. – С. 100.
  5. Е. П. Тыгдымаеванын билдирүүсү, 1930-ж. туулган, сагайлык, У- Чуль айылы.
  6. Киргизско-русский словарь. – М., 1968.

III Бап

Саян-Алтайды монголдордун жеңип алуусу.

Кыргыздар Монгол империясынын курамында

  1. Рашид Ад-Дин. Сборник летописей. – М. – Л, 1952. – Т. 1. – Кн.1. – С. 150.
  2. Ошол эле. С. 150.
  3. Ошол эле. Сборник летописей. – М. – Л, 1952. – Т. 1. – Кн.
  4. – С.151.
  1. Ошол эле. Көрсөтүлгөн эмгек. – Т. 1. – Кн. 1. – С. 102.
  2. Ошол эле. Көрсөтүлгөн эмгек. – Т. 1. – Кн. 2. – С. 112.
  3. Козин С. А. Сокровенное сказание. Монгольская хроника 1240 г.
  • М. – Л, 1941. – С. 207.
    1. Ошол эле. С. 174-175.
    2. Рашид Ад-Дин. Көрсөгүлгөн эмгек. – Т. 1. – Кн. 1. – С. 150.
    3. Ошол эле. С. 122.
    4. Ошол эле. С. 171.
    5. Козин С. А. Көрсөтүлгөн эмгек – С. 240.
    6. Рашид Ад-Дин. Көрсөтүлгөн эмгек. – Т. 1. – Кн. 1. – С. 151.
    7. Ошол эле. С. 151. 14. Ошол эле. С. 123. 15. Ошол эле. С. 102.
    8. Ошол эле. – Көрсөтүлгөн эмгек. – Т. 2. – С. 201.
    9. Ошол эле. С. 161.
    10. Кычанов Е. И. Сведения в «Юань-ши» о переселениях киргизов в XҮҮҮ веке // Известия АН Киргиз ССР, сер. обществ, наук. – Фрунзе, 1963. – Т. V. – Вып. 1. – С. 59.
    11. Банзаров Д. Черная вера или шаманство у монголов. – СПб., 1891. – С. 49.
    12. Рашид Ад-Дин. Көрсөтулгөн эмгек. – Т. 11. – С. 100.
    13. Козин С. А. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 114.
    14. Кычанов Е. И. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 64.
    15. Ошол эле. С. 61. 24. Ошол эле. С. 62.
    16. Рашид Ад-Дин. Көрсөтүлгөн эмгек. – Т. И. – С. 205.

«Хонгорай» этносаясый бирикмесинин түзүлүшү

  1. Кляшторный С. Г. О статье И. Л. Кызласова. «О самоназвании хакасов». // Этнографическое обозрение. 1992. – № 2. – С. 60.
  2. Русско-китайские отношения в XVҮҮҮ в. Материалы и документы. Т. 1. – М., 1978. – С. 105, 432.
  1. Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999. – С. 5–7, 189.
  2. Чирүм тамырлары. – Абакан, 1982. – С. 18.
  3. Кычанов Е. И. – Сведения в «Юань-ши» о переселениях киргизов в XҮҮҮ в. // Известия АН Киргиз. ССР. Т.5. Вып.1. – Фрунзе, 1963. – С. 59.
  4. ЦГАРХ. Ф.Р – 675, оп. 1. Д2. – С. 66.
  5. Бутанаев В. Я., Абдыкалыков А. Материалы по истории Хакасии XVҮҮ в. – нач. ХVҮҮҮ в. – Абакан, 1995. – С. 215.
  6. Русско-китайские отношения в XVҮҮҮ в. – С. 106.
  7. Бахрушин С. В. – Енисейские киргизы в XVҮҮ в. // Научные труды. Т. 113. – М., 1995. – С. 190.
  8. Демидова И. Ф., Мясников В. С. Первые русские дипломаты в Китае. – М., 1966. – С. 55.
  9. Материалы по истории русско-монгольских отношений. Русско- монгольские отношения 1636 – 1654 гг. – М., 1974. – С. 384.
  10. Бутанаев В. Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. – Абакан, 1995. – С. 189-191.
  11. Кычанов Е. И. Указ. соч. – С. 59.
  12. Дополнения к актам историческим (ДАИ). Т. 10. – СПб., 1867. С. 391.
    1. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп.1. Д46. Л.24.
    2. Ошол эле. Д.5. – С. 6.
    3. Скобелев С. Г., Чжан Тайсян, Шомаев А А. Роды Фуюйских кыргызов // Россия и Хакасия: 290 лет совместного развития. – Абакан, 1998. – С. 77.
    4. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп.1. Д18. – С. 116.

Чарбасынын жана маданиятынын өзгөчөлүктөрү

  1. Рубрук В. Путешествие в восточные страны. – М., 1957. – С. 154.
  2. ЛЧААН. Ф.21. Оп.4. Д18. Л.243.
  3. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп.1. Д19. С. 5. 4. ЦГАРХ. Ф.Р-875. Оп.1. Д19. С. 8.
  4. Ошол эле. Д. 17. Л.37.
  5. Ошол эле. Д10. – С. 33.
  6. РГАДА. Ф.214. СТб.84. Л.298.
  7. Материалы по истории русско-монгольских отношений. – М., 1959. – С. 58.
  8. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп.1. Д12. – С. 39.
  9. Ошол эле.. Д. 16. Л.40.
  10. Арзыматов А. Из истории политических отношений енисейских киргизов с Россией в XVҮҮ – первой половине XVҮҮҮ вв. – Фрунзе, 1988. – С. 75.
  11. Потапов Л. П. Происхождение и формирование хакасской народности. – Абакан, 1957. – С. 135–186.
  12. ЛЧ ААН РФ. Ф.21. Оп.4. Д19. Л.126 об.
  13. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп.1. Д46. Л.27; Д45. А74.
  14. ЛЧ ААН. Ф.21. Оп.4. Д.19. Л.130.
  15. РГАДА- Сиб.прик. СТб. 5 В. Л. 133–134.
  16. Абдыкалыков А. Енисейские киргизы в XVҮҮ веке. – Фрунзе, 1968. – С. 26.
  17. ДАИ. Т.П. – СПб., 1869. – С. 162.
  18. ЦГАРХ. Ф.Р-875. Оп.1. Д18. – С. 38.
  19. ЦГАРХ. Р-675. Оп.1. Д9. Л.27; Д18. – С. 247.
  20. ЦГАРХ. Р-675. Оп.1. Д 14. Л. 5, И; Д36. – С. 4.
  21. Клеменц Д А. Вводная статья к описанию «Древностей Минусинского музея». – Томск, 1886. – С. 47.
  22. Сунчугашев Я. И. Загадочные статуэтки Будды // Живая старина. – Абакан, 1996. – С. 47.
  23. Минусинск музейинин археологу Н. В. Леонтьевге бизге берген маалыматтары учүн ыраазычылык билдиремин.

Хонгорайдын коомдук түзүлүшү

  1. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов 18 – 19 вв. //Материалы к серии «Народы СССР». Вып.З. Хакасы. – М. – С. 21 – 22.
  2. Миллер Г. Ф. Сибирь 18 века в путевых описаниях Г. Ф. Миллера. – Новосибирск, 1996. – С. 58; Козьмин Н. Хакасьи, С. 26.
  3. Сибирский архив Т. 12. – Минусинск, 1914. – С. 537.
  4. Кызласов Л. Р. О присоединении Хакасии к России. – Абакан- Москва, 1996. – С. 39.
  5. Козьмин Н. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 29.
  6. Владимирцев Б. Я. Чингис-хан. – Горно-Алтайск, 1992. – С. 70.
  7. Бтганаев В. Я., Бутанаева И. И. Хоорай чоннын тореллерү – Абакан, 1996. – С. 33.
  8. Русско-китайские отношения в 18 веке Т.1. – М, 1978. – С. 129.
  9. ЛЧ ААН. Ф. 21. оп. 1. Д 19. П. 128 об.
  10. РГАДА Ф.214. СТб.886. Л. 296.
  11. Бутанаев В. Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. – Абакан, 1999.
  12. Бахрушин С. В. Енисейские киргизы в 17 в…. С.187; Бутанаев В. Я. К вопросу о хакасских цифровых знаках // Уч.зап. ХакНИИЯЛИ. – Абакан, 1975. – 4.20 – С. 256–260.
  13. Бахрушин С. В. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 195.
  14. РГАДА- Ф. 214. СТ6715. Д123.
  15. ЦГАРХ. Ф. 8-675. Оп. 1ДД5. – С. 111.
  16. ЛЧ ААН. Ф. 21. Оп. 4. Д 17. Л. 241.
  17. Ошол эле. Д 18. Л. 273.
  18. ЦГАРХ. Ф. 8-6675. Оп. 1. Д 16. Л. 29.
  19. ЛЧ ААН. Ф. 21. Оп. 4. Д. 17. Л. 38.
  20. Ошол эле. Д 18. Л. 502 об.
  21. Спафарий Н. М Сибирь и Китай. – Кишинев, 1960. – С. 70.
  22. Абдыкалыков А. Енисейские киргизы в 17 веке. – Фрунзе, 1968. – С. 33.
  23. ЦГАРХ. Ф. Р-675. Оп.1Д18. – С. 32.
  24. Материалы по истории русско-монгольских отношений. – М, 1959. – С. 59.
  25. ЦГАРХ. Ф. Р-675. Оп.1.Д8. Л. 1111114.
  26. ЦГАРХ. Ф. Р-675. Оп.1.Д12. С. 72.
  27. ЛЧ ААН Г. Ф. 21. Оп. 4. Д. 19. Л. 74; 77.
  28. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп. 1. Д 46. Л. 36.
  29. ЦГАРХ. Ф.Р-675.0п. 1. Д 2. – С. 86.
  30. Ошол эле. Д4. А54.
  31. Ошол эле. Д. 15. Л. 28 об.
  32. Русско-китайские отношения в 18 веке… – С. 106.
  33. Эпиграфика Киргизии. Вып.1. – Фрунзе, 1963. – С. 58-59.
  34. Ксенофонтов Г. В. Ураангхай-сахалар. Очерки по древней истории якутов. – Якутск, 1992. – Т.2. – С. 138.
  35. РГАДА. Сиб. приказ. СТб № 749. Ч. 1. Л. 110.

Хонгорайдын Монголия жана Жунгария менен өз ара мамилелери

  1. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп. 1. Д. 28. – С. 51.
  2. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп. 1. Д Ү. Л. 55.
  3. Ошол эле. Д 18. – С. 64.
  4. РГАДА Сиб. приказ, стб. 513. Л. 128-129; ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп.
  5. Д 20. Л. 37.
  1. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп. 1. Д 21. – С. 36.
  2. Ошол эле. Д. 8. Л. 11 об.
  3. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов 17–19 вв/ – С. 28.
  4. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп. 1. Д 45. Л. 60.
  5. Ошол эле. Л. 60.
  6. ЛЧ ААН. Ф.21. Оп. 4. Д. 18. Л. 243. И. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп.
  7. Д. 18. – С. 2.
  8. Русско-китайские отношения в 18 в. – С. 106.
  9. Бичурин Н. Я. Историческое обозрение ойратов или калмыков с 15 столетия до настоящего времени. – Элиста, 1991. – С. 41.
  10. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп. 1. Д 15. – С. 111.
  11. Ошол эле. С. 115.
  12. Огородников В. И. Очерк истории Сибири до начала 19 столетия. – Иркутск, 1920. – Ч. 1. – С. 246-247.
  13. Александров В. А. Русское население Сибири 17 – нач. 18 в. (Енисейский край). – М., 1964. //Труды института этнографии. Т. 87. М., 1981. – С. 54.
  1. РГАДА- Сиб.приказ. стб. № 814. Л. 170. 19. Ошол эле. Стб. № 623. Ч. 2. Л. 381
    1. Ошол эле. Стб № 715. Л. 119.
    2. ЛЧ АР АН. Ф.21. Оп. 4. Д. 19. Л 74.
    3. Бутанаев В. Я. Этническая история хакасов 17 – 19 вв. » – С. 28.
    4. Абдыкалыков А. Енисейские киргизы в 17 веке. – С. 104.
    5. ЛЧ ААН. Ф.21. Оп. 1. Д18. Л.383 об.
    6. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп. 1. Д 32. – С. 41.
    7. РГАДА. Ф. 214. Оп. 5. Д 1953. Л.; об.
    8. Ошол эле. Ф. 1199. Порт. 516. Д.2. Л. 134 об.

Кыргыздардын Жунгарияга айдалып кетиши

  1. Миллер Г. Ф. История Сибири. Т.1. – М.-Л, 1937. – С. 314; Фишер И. Е. Сибирская история, – СПб., 1774. – С. 63; Гагеймейстер.

Статистическое обозрение Сибири. Ч. 2. – СПб., 1854. – С. 9.

  1. Потапов Л. П. Происхождение и формирование хакасской народности. – Абакан. – 1957.
  2. Моисеев В. А. Россия и Джунгарское ханство в 18 веке. (Очерк внешнеполитических отношений). – Барнаул, 1998. – С. 12.
  3. Моисеев В. А. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 13.
  4. Сибирь 18 века в путевых описаниях Г. Ф. Миллера. История Сибири. Первоисточники. – Новосибирск, 1996. – С. 60.
  5. Гагеймейстер. Статистическое обозрение Сибири. – С. 9.
  6. РГАДАФ. 214. Оп. 5. Д. 2091. П. 1410.
  7. ЦГАРХ. Ф.Р-675. Оп. 1. Д 15. – С. 89.
  8. Ошол эле. Л. 14 об.
  9. Потанин Г. Н. Материалы для истории Сибири. – М., 1867. –С. 127.
  1. ЛЧ АИЭ РАН. Ф. 11. Оп. 1. Д 71. Л. 14; Дыренкова Н. П. Шорский фольклор. – М. – Л, 1940. – С. 302.
  2. Абдыкалыков А. Енисейские кыргызы в 17 веке С. 84.
  3. РГАДА. Ф. 199. Порт 516. Д 2. Л. 22.
  4. ЛЧ АРАН. Ф. 21. Оп. 4. Д 19. Л. 213.
  5. Потанин Г. Н. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 80,128.
  6. Абдыкалыков А. Переселение енисейских кыргызов в начале 18 века и их историческая судьба //Этнические культуры Сибири. Проблемы эволюции и контактов. – Новосибирск, 1986. – С. 93.
  7. Копкоев К. Г. Об угоне енисейских кыргызов в Джунгарию в нач. 18 века… – С. 71.
  8. Бичурин Н. Я. Историческое обозрение ойратов или калмыков с 15 столетия до настоящего времени. – Элиста, 1991. – С. 71.
  9. Кычанов Е. И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров.
  • М., 1997. – С. 239.
    1. ЛЧ АРАН. Ф. 21. Оп. 4. Д 19. Л. 247.
    2. Абдыкалыков А. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 95.
    3. Самаев Г. П. Горный Алтай в 17 – середине 19 века. Проблемы политической истории и присоединения к России. – Горно-Алатайск, 1991. – С. 77.
    4. Быконя Г. Ф. Заселение русскими Приенисейского края в 8 веке. – Новосибирск, 1981. – С. 48.
    5. РГАДА – Сиб.приказ. Ф.214. Оп.5. ед. хр. 763; Д 1513, 768.
    6. ЦГАРХ. Ф. 675. Оп. 1. Д 28. л. 16.
    7. АВПРМИД РФ. Оп. 113/1. Д. 1. л. 119.
    8. Арзыматов А. Передвижение енисейских киргизов в Ипи-Иртышское междуречье в 18 веке // Материалы по истории и экономике Киргизии. – Фрунзе, 1963.
    9. Ватин В. А Минусинский край в 18 веке. – Минусинск, 1913. С 195.
      1. ЛЧ АР АН. Ф. 21. Оп. 4. Д 20. Л. 226.
      2. РГАДА- Ф16. Оп. 1. ЕХ 619. Ч. 1. Л. 63-70 об
      3. Самаев Г. П. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 129; Сердобов НА. История формирования тувинской нации. – Кызыл, 1971. – С. 144.
      4. Сономдагва Ц Монгол ул сын засаг, захиргааны зохион байгуулалтын оорчлолт, шинэчлэлг. (1691–1997). – Улан-батор, 1998.

Хонгорайдын Орусияга бириктирилиши жана кыргыз улустарындагы административдик кайра куруулар

  1. РГАДА- Ф-2.14. Оп.5. Д1059. Л.17.
  2. Ошол эле. Д 1117. Л. 10.
  3. Русско-китайские отношения в 18 веке. Т.1. – М., 1978. – С. 106.
  4. Ошол эле. – С. 105.
  5. РГАДА- Ф. 248. Оп. ИЗ. Д 1584. Л 1159.
  6. АВПР МИД РФ, Оп.62/1. Д11. Л213; РГАДА- Ф-126.1711 год. Д1. Л.1; Ф. 199. Порт. 481. 4.5. Д5. Л 82-84.
  1. Быконя Г. Ф. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 55.
  2. Историческая записка о китайской границе, составленная советником троицко-савского пограничного правления Сычевским в 1846. – М., 1875. – С. 17, 20; Русско-китайские отношения. 1689 – 1916. Официальные документы. – М., 1958. – С. 12.
  3. Бантыш-Каменский Н. Дипломатическое собрание дел между Российским и Китайским государствами с 1619 по 1792 год. – Казань, 1882.-С. 359.
  4. Записки путешествия академика Фалька // Полное собрание ученых путешествий по России, издаваемые Академией Наук. Т.6. – СПб., 1824.-С.437, 530. И. ЦГАРХ. Ф.1. Оп.1. Д.499. Л.197.
  5. Чирүм тамырлары. – Абакан, 1982. – С. 32.
  6. Федоров М. М Правовое положение народов Восточной Сибири. – Якутск, 1978. – С. 38.
  7. Костров Н. Заметки о минусинских инородцах и обитаемой ими местности // Енисейские губернские ведомости. – 1859. – № 26. – С. 155.
  8. РГАДА. Ф.199. Порт. 516. Д2. Л.42.
  9. Долгих Б. О. Родовой и племенной состав народов Сибири в 17в. – М., 1960. – С. 231.
  1. Памятники сибирской истории 18 века Кн. 2. – СПб..
  2. Кузьмин А. К. Из подлинных записок А К-на. // Атеней; журнал критики, современной истории и литературы. – М, 1858. 4.2. – С. 260.
  3. РГАДА- Ф.281. Оп.1. Д4609. Л.7.
  4. Ошол эле. Л.8.
  5. ГАКК. Ф.ЗОЗ. Оп.1. Д9. А 25-26.
  6. ГАКК Ф.296. Оп.1. Д1. Л. 120.
  7. Долгих Б. О. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 226.
  8. Русско-монгольские отношения: 1626 – 1654. Сборник документов. – М, 1874. – С. 385.
  9. Государственный архив Томской области (ГАТО). Ф. 3. Оп.19. Д131. Л.209.
  1. Долгих Б. О. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 238.
  2. РГАДА- Ф-214. Оп.5. Д1948. Л. 3-6; Д 1959. Л.17.
  3. ГАТО. Ф. 3. Оп. 19. Д 131. Л. 209.
  4. РГИА Ф. 1264, Оп.1. Д 265. Л. 190.
  5. ЦГАРХ. Ф.И-2. Оп.1. Д 3. Л.36.
  6. Долгих Б. О. Көрсөтүлгөн эмгек. – С. 106.
  7. Ошол эле. – С. 196.
  8. ГАКК. Ф. 805. Оп. 1. Д 85. Л.6.
  9. РГАДА- Ф. 248. Оп. ИЗ. Д 1584. Л. 1281.
  10. ЦГАРХ. Ф.6445. Оп. 1. Д 15. Л. 15.
  11. ГАТО. Ф.234. Оп.1. Д135. А 465.
  12. Элерт А. X., Миллер Г. Ф. О коренном населении Томского уезда // Традиционные верования и быт народов Сибири. – Новосибирск, 1987. – С. 173.
  13. ГАТО. Ф.З. Оп.19. Д162. А204, 207.
  14. Бутанаев В. Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. – Абакан, 1995.
  15. ГАТО. Ф.З. Оп.18. Д131. А201.

 

М. КОЖОБЕКОВ

I. КЫРГЫЗДАРДЫН ОРТО КЫЛЫМДАГЫ ТАРЫХЫНЫН ИЗИЛДЕНИШИ

Кыргыздардын тарыхта аты чыгып таанылган учур менен аларды илим адамдары изилдеп баштаган мезгил ортосун эбегейсиз доор бөлүп турат. Борбордук Азиянын көчмөн талаасында байыр алган кыргыздар б.з.ч. III кылымдын соңку жылдары Кытай мамлекетине таанылып, Сыма Цяндын эмгегинде белгиленип, аты тарых саптарына алынган. Андан кийинки доорлордун орошон тарых эпкининде калбай, алар Енисей аймагында кубаттуу мамлекет курганга жетишкен.

Кыргыз тарыхынын изилдөөгө алынып, жалпы коомчулукка таралышы Европа өлкөлөрүндө орун алган өндүрүш революциясына байланышкан. Жаңы өндүрүш ыкмасы үчүн талап кылынган чийки зат муктаждыгы Улуу географиялык ачылыштарга түрткү берген. Адамзат үчүн белгисиз болгон жерлер ачылып, анда жашаган калк жана аларды курчаган айлана-чөйрөнү изилдөө максатында жаңы илим тармактары калыптанган. Адегенде, Европада башталган изилдөө багытына, кийин Россия да тартылган. Россия мамлекетинин Урал тоосунун чыгышында жайгашкан калктар туурасындагы маалыматтык кабар жазма булактарда топтолуп, ал ишкер адамдардын кызыгуусун жараткан. Ермактын Сибирге жасаган жортуулунан соң, аймак жана анда жашаган калктар туурасында маалымат жыйноо муктаждыгы келип чыккан. Россия мамлекетинин Урал тоосунун чыгыш тарабына чыгышы менен Сибирь аймагын өздөштүрүү саясаты күн тартибине коюлган. Сибирди колго алуу саясаты XVI кылымда башталып, ал XVII кылымда кулач жайып, империяга жаңы территориялар кошула баштаган. Россиянын империялык деңгээлге көтөрүлүшү мамлекет үчүн жаңы милдеттерди койгон. Ал адегенде, Сибирдеги геосаясий кырдаалды жөнгө салуу жана Кытай өлкөсү менен соода-экономикалык, саясий мамилени орнотууга багытталган. Россия империясынын Сибирь аймагын андан ары илгерилеп өздөштүрүшү үчүн ал территорияга таасири күчтүү Алтын хан өлкөсү менен Кытай мамлекеттеринин тилин табышы керек эле. Сибирдеги орус бийлиги бул багытта чара көрүп, ал үчүн керектүү саясат жүргүзүүгө киришкен. Томь воеводасы В. В. Волынскийдин 1609-жылдын башталышында кыргыз беги Номча жана 1609-жылдын 18-мартында жазган кабарлоосунда эки кыргыз беги аркылуу, монголдук Алтын хан өлкөсүнө бир айлык, Кытай мамлекетин үч айлык жол бараарын билген. Воевода мындан тышкары, кыргыздардын саясий абалы туурасында кабар алып, алардын алтын хандарга баш ийээрин аныктаган.

Алтын хандар менен саясий мамилесин аныктап алуу максатында, Тар шаарынын атаманы Василий Тюменец менен он башчы Иван Петров 1616-жылы монгол мамлекетинин өкүмдарына элчиликке барышкан. Орус элчилиги Томск шаарынын август айында чыгып, Шор жана Абакан кырка тоосу аркылуу алтын хандар өлкөсүнө барган. Архивдик документте «Алар Киргистен чыгып, Табын жергесине келген. Табындык жер ал да Киргис жергеси, бир гана алар өзүнчө жашашат, бирок албанды Киргис жергесине жана Алтын падышасына берет» деп кабарланат. Орус элчилиги Алтын хан өлкөсүнө чейинки жолдо жолуккан география жана анда жашаган этностор туурасында бай маалымат чогултулган. Алардын негизгиси да Енисейдеги Кыргыз жергесине арналган. Анда кыргыздардын саясий абалы жана жакынкы коңшулар менен болгон мамилеси кабарланат.

Енисейдеги кыргыздар туурасындагы маалыматтык топтом казак Иван Петлин менен анын жолдошу Андрей Мундовдун 1618–1619-жж. Кытайга жасаган элчилик экспедициясы маалында жыйналган. И. Петлиндин жол дептеринде Томск шаарынан Кыргыз жергесине чейин 12 күн, андан ары Абакан дарыясына 6 күн, Абакандан Кимчинакка 9 күндүк ат жүрүшү созулаарын кабарлаган.

Падыша Алексей Михайлович башында Николай Спафарий турган көлөмдүү элчиликти 1675-ж. Кытайга жөнөткөн. Элчиликке Тобольсктон баштап, Кытай мамлекетине чейинки жерлер туурасында маалымат топтоо тапшырмасы жүктөлгөн. Н. Г. Спафарийдин жол дептерине Енисейде жашаган кыргыздардын этнографиясы жана алар жашаган чөйрө, коңшу жашаган этностор менен болгон мамиле туурасында мазмундуу маалымат түшүрүлгөн

Петр I жүргүзгөн мамлекеттик саясат Россиянын келечеги үчүн жаңы максат жана милдеттерди койгон. Өлкөнү кайра курууга багытталган саясий өнүгүү жаратылыш дүйнөсү, анда жашаган калк, алардын чарбасы туурасында маалымат топтоп, мамлекеттин так географиялык картасын түзүү керектигин белгилеген. Кыргыздардын тарыхка андан ары тартылышын шарттаган илимий экспедиция 1692–1695-жж. жасалган. Петр Ү голландиялык көпөс Избранд Идес менен Адам Брандды Кытайга элчиликке аттандырган. Элчилик аяктагандан кийин алар голланд жана немис тилдеринде Сибирь туурасындагы «Каттоосун» жарыялашкан. Сибирь жана анда жашаган калктар жөнүндө маалымат топтому көбөйгөнгө чейин, И. Идес менен А. Бранддын эмгеги Европадагы илим адамдары үчүн айрыкча кызыгуу жаратып, негизги маалымат булагына айланган. Элчиликтин жол дептеринде Томскиден Енисейге бара турган жол өзгөчөлүгү кабарланып, андан кийинки баяндоо нугу кыргыз жергесинин географиясы, калктын антропологиялык белгилери, согуштук курал-жарактары жана коңшу калктар менен мамилеси, тили кабарланат.

Кыргыздар туурасындагы кийинки маалымат топтому Ростоктук немец Альбрехт Доббиндин «Всеобщее описание Сибири» эмгегинде камтылган. А. Доббин кыргыздарды Томь дарыясынын төмөнкү агымына жайгаштырып, алардын жазуусу жок экендигин, жаа менен куралдарына сыйынып, ат минип жүрө тургандыгын маалымдаган.

Енисейде жашаган кыргыздар туурасындагы буга чейинки маалымат топтому, негизинен кыргыз этнониминин катталышы жана ал аталыштын андан ары таанылышын аныктаган. Ошондой эле жыйналган материал алардын абалын билдирген этнографиялык даректер менен чектелген. Кыргыздардын андан ары тарыхый иликтөөлөргө алынып, алар туурасындагы өрнөктүү изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүнө түрткү берген эмгек, голландиялык саясий ишмер, картограф Николас Витзен тарабынан жасалган. Н. Витзендин «Түндүк жана Чыгыш Тартария туурасында» аттуу эмгеги XVҮҮ к. соңунда жарык көрүп, ал Европанын илимпоздору үчүн Сибирь жана анда жашаган калктар жөнүндө түшүнүгүн багыттаган чыгармага айланган. Витзендин энциклопедиялык эмгегинде кыргыздар жашаган аймак туурасында маалымат келтирилет. Мындан тышкары, ал Сибирдеги буга чейин белгисиз бир жазуу түрү табылгандыгын кабарлаган. Н. Витзендин кыргыздар жөнүндө жазган маалыматы кийин Батыш Европанын илим адамдары үчүн өрнөктүү «үстөл чыгармасына» айланган. Н. Витзен тарабынан даярдалган Сибирдин картасы Россия падышасы Петр Ү кызыктырып, ал кийинки географиялык экспедициялардын жасалышына түрткү берген.

Сибирди өздөштүрүш үчүн атайын карта даярдоо топтору түзүлгөн. Анын бирин Тоболдук боярдын уулу С.У. Ремезов жетектеп, ал 1696–1697-жж. Сибирь аймагын кыдырып чыккан. Саякатчынын аракетинин натыйжасында, Сибирдин анын ичинде кыргыздар жашаган Минусин өрөөнү туурасында кеңири маалымат келтирилет. Ремезовдун картасында кыргыздар жашаган аймак Түштүк Сибирге жайгаштырылат. Мындан тышкары региондун географиялык өзгөчөлүктөрү жана баалуу топонимиялык маалымат камтылып, ал түгүл эстеликтер жайгашкан жерлер белгиленген.

С. У. Ремезовдун иликтөөлөрү Сибирди илимий изилдөө жолго салынышына багыт берген эмгек десек ашыкча болбос. Улам мааниси артып бара жаткан Сибирь аймагын иликтөө максатында Петр Ү чакыруусу менен Данцигден жаш окумуштуу тилчи Даниил Готтлиб Мессершмидт 1718-жылы Петербургга келген. Сибирди илимий жактан изилдеш үчүн падышанын көрсөтмөсү менен башында Мессершмидт турган экспедиция жабдылган. Экспедицияга Сибирдин географиясы, табигый тарыхы, медицинасы, дары чөптөр, оору-сыркоолор, эстеликтер, байыркынын издери, калктарды каттоо жана алардын салт-санаасын жазуу иши жүктөлгөн. Мессершмидт жетектеген экспедиция 1719-жылдын

5-сентябрында жолго чыгып, ушул жылдын 24-декабрында Тобольскко жеткен. Сибирдин борбору эсептелген шаарда орун алган туткунга түшкөн шведдер Мессершмидтке колдон келген жардамдарын көрсөтүшкөн. Мессершмидттин тил билбегендигине байланыштуу жана экспедиция мүчөлөрүнүн арасында билимдүү адамдардын жоктугунан улам, иликтөө тобуна швед туткуну обер-офицер Филипп Иоганн фон Табберт 1721-жылдын 27-февралында кошулган. Илим чөйрөсүнө Страленберг аталышы менен кабыл алынган окумуштуу экспедициянын үзүрлүү эмгектенүүсү эле эмес, кыргыздардын билим дүйнөсүнө таанылышына олуттуу салым кошкон. Мессершмидттин экспедициясы 1721-ж. Тобольскиден чыгып, жай айында Кузнецк аркылуу Абакан дарыясына келишип, андан ары Саян тоосуна чейинки аймактагы археологиялык эстеликтерди иликтеген. Мессершмидт 1722-жылдын февраль айында Страленберг менен Чоң Кемчугда коштошуп, беш ай бою Красноярскинин чыгышындагы Чулым, Абакан, Енисей өрөөнүндө изилдөө жүргүзгөн. Мессершмидттин күндөлүгүндө Сибирдеги петроглифтик эстеликтер менен руникалык жазуулар боюнча маалымат келтирилип, Письменная гора туурасында кабар берилет.

Окумуштуунун Сибирь калктары туурасында жүргүзгөн иликтөөлөрү жана белгисиз жазуу жөнүндөгү кабары Европа өлкөлөрүндө эбегейсиз кызыгуу жараткан.

Мессершмидттин экспедициясына кыргыз тарыхын изилдөөгө салым кошкон эки окумуштуу катышкан. Анын бири – Мессершмидттин өзү болсо, экинчиси – Филипп Иоганн фон Старленберг (Табберт) эсептелинет. Страленбергдин экспедицияга кошулуп иштеши үчүн атайын жардык чыгарылган жана анын үзүрү окумуштуу жарыялаган илимий изилдөөлөр менен акталган. Швед туткуну Сибирде 13 жыл жашап, жергиликтүү калктар туурасында бай материал топтоого үлгүргөн. Страленберг Сибирдин үч картасын түзүп, анын бирин Петр Ү көрсөткөн. Император окумуштуунун аткарган эмгеги жогору баалап, ага Россияда калып маанилүү мамлекеттик кызмат ээлөө туурасында сунушун айткан. Бирок окумуштуу сунушту кабыл албастан, Швецияга кайтып келген. Сибирде жыйналган материалдардын негизинде, ал «Европа менен Азиянын түндүк жана чыгышы» деген эмгегин 1730-жылы Стокгольмдо жарыялаган. Страленбергдин эмгегинде Түштүк Сибирдин географиясы, административдик бөлүнүшү, топонимиялык жана гидронимдик маалыматтар келтирилип, окумуштуу даярдаган картада кыргыздар жашаган аймак белгиленет. Страленберг кыргыз менен кергез аталыштарынын этимологиясына көңүл бурган биринчи окумуштуу эсептелет. Окумуштуу Енисей дарыясынын аталышы туурасында талдоо жүргүзүп, дарыянын боюнда жашаган татар эмес калктар ага Енисей же Ензеа деген аталыш ыйгарышып, бирок аны Кем айта тургандыктарын белгилеген.

Страленберг кыргыз темасына биринчи кайрылган окумуштуу катары, эки бөлөк аймакта жашаган калктын аталышында айрымачылык бар экендигине көңүл бурган. Ал Сыр дарыясынан баштап, казак ордосуна чейинки аймакты ээлеген калктар, анын ичинде бурут – кергездер могометандар, ал эми Сибирдеги кыргыздардын дини алгачкы түшүнүк деңгээлинде экендигин белгилеген.

Кыргыз тарыхынын илимий нукка багыт алынып изилдениши Экинчи Камчатка экспедициясынын (1733– 1743) ишмердигине байланышкан. Эми экспедицияга астроном Луи Деллиль де ла Круа, химик жана ботаник Иоганн Георг Гмелин тарыхчы Герард Фридрих Миллер баш болгон Санкт-Петербургдагы Россия илимдер академиясынын илимпоздору катышкан. Кийин ага ботаник Георг Вильгельм Стеллер жана тарыхчы Иоганн Эбергард Фишер тартылышкан.

Академиялык отрядга европалык окумуштуулардын катышышы кыргыз тарыхы үчүн маанилүү роль ойногон. Экспедицияга тартылган окумуштуулар бир канча европалык тил билген. Алардын булактар менен иштөө багытында жаңы изилдөө методологиясын өздөштүрүшү жемиштүү натыйжа берген. Эң негизгиси алардын эл аралык илимий байланыштары болгондуктан европалык илим адамдары чогулткан материал дароо жарыяланып, ал кыргыздардын тарыхына болгон кызыгууну күчөткөн. Европалык окумуштуулар Түштүк Сибирдеги эстеликтерди катташып, археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Жаңы табылгалар оперативдүү жарыяланып, ал кыргыздар туурасындагы илимий көз караштын калыптанышына жана алар жашаган аймак жөнүндөгү тарыхый маалыматтын топтолушуна көмөк кошкон.

Академиялык отрядды Г. Ф. Миллер жетектеп, илимпоз Сибирдин тарыхы анын ичинде кыргыздар туурасында бай материал топтогон. Миллер буга чейин изилдөө Сибирде жүргүзгөн саякатчылардын материалдары менен Абулгазинин санжырасын салыштырып, кыргыздардын башында Енисей дарыясынын боюнда жашагандыгын белгилеген. Окумуштуунун оюна ылайык алар бул аймакты Россия мамлекети келгенге чейин ээлеп турушкан. Кийин калмактарга көчүп барган соң, акыркылар кыргыздарды бурут деп атап калган. Миллер биринчи болуп Енисейдеги кыргыздар менен «Яик өзөнүнүн чыгышынан Бухара чегарасына чейин жашаган киргиз – кайсактар» эки башка эл экендигин байкаган.

Г. Ф. Миллердин Абакан талаасынын Июсь дарыясынын боюнан тапкан жаргылчактар менен Тубадагы моло таш байыркы кыргыз эстеликтеринин катарына кирет.

Академиялык отряддын илимий изилдөө ишине Миллердин өнөктөшү химик жана ботаник И.Г.Гмелин олуттуу салым кошкон. Болочок академик, табият таануучу туурасында «менин ардактуу жолдошум, иш билги жана сылык адам доктор, профессор Иоанн Георг Гмелин» деп ага жылуу сөзүн арнаган. Гмелин Сибирдин табияты жөнүндө эле маалымат чогултбастан, ал кыргыз көрүстөндөрү жана коңшу калктардын аларга болгон мамилесин каттаган.

Экспедицияга катышкан дагы бир немец окумуштуусу И.Э.Фишер кыргыздар туурасында жергиликтүү калк тарабынан айтылган аңыз кептерден баштап, алардын тегине жана жашаган аймагына байланыштуу кызыктуу иликтөө жүргүзгөн. Абулгазинин санжырасындагы кыргыздардын мекенине байланышкан чаташкан түймөк боюнча окумуштуу өз пикирин билдирген. Немец тарыхчысы Абулгазинин санжырасындагы кыргыз тарыхынын башаты байыркы Улуу моголдордон, айрыкча Огуз хандан тарагандыгы туурасындагы маалыматты келтирет. Анын көз карашына ылайык, санжырачы белгилеген Икран Муран эч качан Амур дарыясы боло албайт жана кыргыздар Енисей менен Селенга дарыясынын аралыгында жайгашышы мүмкүн эместигин далилдеген. Анын пикири боюнча орустар келген маалда кыргыздар Енисейдин жогорку агымындагы Абакандын Ак жана Кара Июс аймагында жашашкан. И. Э. Фишер кыргыздар бул аймактан жер которгондон кийин, алардын аталышы жоголбостон тескерисинче жаңы территорияларга тарагандыгын айтат.

Окумуштуу алатоолук жана енисейлик кыргыздарды бир эл деп карап, ал түгүл алардын «киргиз козактар» менен түбү жалпы экендигин белгилеген. Фишер кыргыздардын Ала Тоого жер которушун ойроттордун кысымы аркылуу болгондугуна көңүл бурган. Ошондой эле жер которуу көрүнүшү үчүн наймандардын көчүн мисал катары келтирген.

Сибирь деген эмгектин Бурут жана Кергез бөлүгүндө окумуштуу Казак ордосунун коңшулары эсептелген Буруттардын да кыргыз атала тургандыгын көрсөтүп, бирок кыргыз менен кергез аталыштарын айырмалоо зарылдыгын белгилейт.

Академиялык экспедицияны уюштурууда жана анын чогулган жыйынтыктарды илимий ирээттөөдө орус тарыхчысы В. Н. Татищев олуттуу салым кошкон. Окумуштуу биринчи болуп Ала Тоолук кыргыздар терминин колдонгон. Ал «Алатайлык кыргыздар көчмөн күчтүү калк. Ташкенттин нары жагында, Чоң Касак ордосунан 5, 6 күндүк аралыкта Ходжант, Найматан жана Марталан шаарларынын айланасындагы таштак жана аз өткөөлдүү аймакта жашашат. Ал жер Алатау деп аталат. Алар зюнгар ээлиги менен Сыр дарыясындагы Бахалжи жана Куркурдун ортосунда орун алган» деген маалымат берген.

Кыргыз тарыхына чыйыр салган изилдөө XVҮҮҮ к. орто ченинде француз окумуштуусу Ж.Дегинь тарабынан жүргүзүлгөн. Окумуштуу буга чейин Батыш европалык саякатчылар чогулткан материалды иликтөөгө алган. Дегинь жасаган эмгектин алгылыгы ал жалаң эле саякатчылар жарыялаган материал менен чектелбестен, илимий изилдөө айлампасына кытай жана грек авторлорунун маалыматтарын тарткан. Илимий изилдөө багытындагы бурулуш биринчи кезекте, кытай булактарынын которулушу эсептелинет. Экинчиден, Дегинь буга чейинки окумуштуулар колдонуп келген Абулгазинин санжырасынан тышкаары, илимий изилдөө нугуна Земарх жана ошол кезде белгилүү болгон батышевропалык саякатчылардын эмгектерин толук киргизген. Ж. Дегиндин классикалык чыгармасында кытай булактарынын негизинде кыргыздардын тарыхы изилдөөгө алынган Ж. Дегиндин эмгегинде кыргыз тарыхы үчүн баалуу маалыматтар камтылып, алардын айланасында илимий жоромол жасалган. Синологдун кыргыз этнонимин керкис аркылуу черкез кылып өзгөртүшү тилдик окшоштукка ылайык жасалгандыгы өз маалында кесиптештер тарабынан илимий чындык катары кабыл алынган. Ошондой эле, эмгекте кездешкен айрым кемчиликтер жана өксүктүктөр тарых илиминин жаңыдан калыптана баштаган мезгилге мүнөздүү көрүнүштөн кабар берет.

Ушул эле убакка туштай кытай булактарын илим изилдөө алкагына алган окумуштуу К. Висделу эсептелет. Ал кыргыздар туурасында кабарлаган кытай булактарын эркин которуу менен бирге, байыркы кубакай чачтуу, көздөрү көк кыргыздардын түштүк тарабы Таньмань тоолору менен чектешкендигин белгилеген. Карл Висделу кытай булактарында Khүen-kouen, Kүu-γe, Kүe-khou, Kүe-kүa-sse формасында катталган калкты кыргыздар деп көрсөткөн. Ошол эле убакта, К. Висдолунун синологиялык Kүrkasse түрүндөгү жазылышты балким Cүr-casses болгонбу деген божомолдоосу кийин батыш окумуштууларынын изилдөөлөрүндөгү ал аталышты черкестер менен болгон чаташтыруулар пайда болгон.

Россия императордук илимдер Академиясынын профессору Петр Симон Паллас жетектеген көлөмдүү экспедиция 1758–1774-жж. Сибирде изилдөө жүргүзгөн. Паллас экспедиция жыйынтыгында «Путешествие по разным провинциям Российской империи (чч. 1–3. – СПб., 1773–1788) аталган көлөмдүү изилдөөсүн жарыялаган. Палластын эмгегинде Минусин өрөөнүндөгү Чулым жана Июстагы байыркы көрүстөндөр эскерилип, өрөөндөгү руникалык эстеликтерди каттоого алган. Мындан тышкары саякатчы Түштүк Сибирдин географиясы жана фауна, флорасы боюнча бай материал топтогон. Ошондой эле байыркы кыргыздардын кол өнөрчүлүгү жана темир иштетүүсү аныктай турган фактыларга негиз боло турган табылгалар жасалган. Алсак, окумуштуу Енисей дарыясынын боюнан иштетүүгө жеңил жана таза темир кенин тапкан.

Сибирь калктары жана кыргыз тарыхына байланышкан материал жыйноодо И. П. Фальк жетектеген экспедиция (1769–1773) маанилүү роль ойногон. Экспедицияга катышкан Иоганн Готлиб Георги анын натыйжасында «Описание всех в Российском государстве народов, так же их житейских обрядов, верь, обыкновений, жилищ, одеждь и прочих достопамятностей» (чч. 1–3. – СПб., 1776–1778) аттуу эмгек жазган. Георгинин чыгармасында, автордун кыргыз менен казак калктарын чаташтыргандыгы байкалат. Окумуштуу кыргыз атынын татарча мааниси бар экендигине кыйытып, алар мындайча жорума уруу башчысына ылайык айтылгандыгын эскертет. Окумуштуу белгисиз булакка таянып, кыргыздар өздөрүн Кырым ханы Кундугурдун тукумунан деп эсептешкендиктен, алардын теги Ногойдон тараган деген тыянак чыгарат. Алардын ата-бабалары туугандарына таарынып мекенин таштап талаага кетишкен. Акырындап алардын саны кыркка жетип, мал уурдап жан багышып, кыздарга үйлөнүп мекенине кырк жигиттин аталышын беришкен. Андан кийинки маалыматты ал Абулгазинин санжырасынан алып, кыргыздар башында Кытай дубалына жакын Икрань өзөнүнүн боюнда жашагандыгын белгилейт.

Окумуштуу енисейлик жана батышта орун алган кыргыздарды бир калк деп эсептеген. Ал кыргыздардын бир бөлүгү 1632-жылы туркестандыктар менен бирге жалпы ханын шайлашкандыгын жана туркестандык деген жаңы аталыш алган деп көрсөтөт. Алар 1643-жылы жунгарлардан жеңилишип, акырындык менен Енисейден Обга жылышып, андан соң батышка жана түштүк-батышка карай жер которушкан деген тыянак чыгарат.

Кыргыздардын тарыхы боюнча материал топтоо XIX  к. башталышында кыйла соолгундаган. Анын негизги себеби, Россия эми Сибирге мурдагыдай көлөмдүү экспедицияларды жөнөтүүнү токтоткон. Анын ордуна топтолгон материалдарды жарыялоо, андагы маалыматтарга илимий иликтөө жүргүзүү сыяктуу иштер жасала баштаган. Россия илимдер Академиясы бул багытта чет өлкөлүк илимпоздор менен иш алып барып, алардын илимий методологиясын жана булактар менен иштөө методун колдонууну колго алган. Ошентип, немец окумуштуусу Генрих Юлиус Клапрот 1804-жылы чыгыш тилдери жана ооз эки чыгармалары бөлүмүнө чакырылган. Клапроттун илимий изилдөө багыты жалаң эле тарых менен чектелбестен, ал кытай, маньчжур, тибет, түрк, грузин, армян жана башка тилдерди билген. Немец окумуштуусу 1804–1805-жж. Сибирди кыдырып, болочок иликтөөлөрү үчүн кеңири материал топтогон жана жаңы изилдөө багытын белгилөөгө жетишкен. Клапрот Сибирь тарыхы боюнча баалуу маалымат жыйнап жана анын жыйынтыктарын бир канча изилдөөлөрдө жарыялаганга жетишкен.

Ю. Клапроттун изилдөөсүндө кыргыздардын теги динлиндер сыяктуу «индо-германдык» группага кире тургандыгы белгиленет. Окумуштуунун кытай булактарынын негизинде кыргыздардын этникалык тарыхына байланышкан проблемалар тегерегиндеги ой жүгүртүүсү кыргызтаану илими үчүн айрыкча актуалдуу. Клапрот   Ю. биздин заманга чейин кытай булактарында эскерилген кыргыз этноними Тан династиясынын мезгилинде хягас түрүндө катталып, ал эми Юань-ши булагында ал киликидзе формасында жазылып, анын ар башка вариациясынын түпкү мааниси кыргыз болуп окулаарын аныктаган. Ошондой эле, азыркы учурдагы айрым окумуштуулардын байыркы кыргыз этнонимин жасалма хакас аталышына өзгөртүүгө жасаган аракеттеринде Ю. Клапротту да «тарапташ» катары көрсөтүштүн өзү жаңылыш. Айтылуу синолог кытай булактарындагы хакас түрүндө катталган калк байыркы гяньгундардын мураскерлери кыргыздар экендигин илимий негизде аныктаган.

Ю.Клапроттун белгилөөсүнө караганда, индогермандык тектеги ак жуумал калктар хунндардын түндүк тарабындагы Азиянын тоолуу аймактарында Байкалдан баштап жарым тегерек түрдө орун алышкан. Кийин алар түрктөр аралашып, алардын ичинде сейрек кездешкен көк көз жана сары чачтуу кыргыздарга да бул процесс таасир тийгизгендигин белгилеген.

Айтылуу синолог кытай булактарындагы кыргыздардын европалык түстөгү антропологиялык белгиси кытай полководеци Ли Линден кийин өзгөрүп, кыргыздар арасында кара чачтуулар жамандыктын жышааны катары карала баштагандыгына көңүл бурган. Ошондой эле, кыргыздар чыгыштагы уйгурлардыкындай эле түрк тилинде сүйлөгөндүгүн белгилеген.

Айтылуу синолог кытай булактары жана чыгыш авторлору кабарлаган енисейлик менен алатоолук кыргыздардын түбү бир экендигин көрсөткөн. Окумуштуунун иликтөөсүнө караганда, кыргыздар Чынгыз хан мезгилине чейин Түштүк Сибирь жергесинде жашашкан. Алардын баштапкы чеги Кем дарыясы менен Ангарадан тарта түндүк-чыгыш тарабы деңизге чейин, түштүк-батышында Юстун Обь дарыясына куйган жерге чейинки кеңири аймакты кучагына алган.

Ушул эле мезгилде кыргыздардын тарыхы боюнча синологиялык багыттагы изилдөөлөр Абель Ремюзанын эмгектеринде учурайт. Айтылуу синолог да кыргыздарды индогермандык топтогу гот калкынын катарына кошкон. А. Ремюза он эки айбанат айлампасын кыргыздар таап, аны кийин калган калктар колдонгондугун белгилеген. Окумуштуу кытай булактарында келтирилген топонимдердин этимологиясын тактоодо жана кыргыз аталышын кяй-кяцзы формасында калыбына келтирип, кыргыздар байыркы хой-ху, т.а. уйгурлардын түндүк тарабында орун алгандыгын белгилеген. Ошондой эле байыркы кыргыздардын хойху же уйгурлардын тилине окшош экендигин тактаган.

Окумуштуу ошол эле кезде, кайсак аталышы менен кыргыздарды чаташтырып, кичи, орто жана чоң ордого бөлүнгөн калкты жалпы жонунан кыргыздар деп атаган.

Тарыхчы Г. И. Спасский тарабынан 1815-жылы негиздеген «Сибирский вестник» журналы кыргыз тарыхы жана алар калтырган руникалык эстеликтерди терең изилдөө багытында эбегейсиз салым кошкон. Журналга Сибирь жана анда жашаган калктар, анын ичинде кыргыздар туурасында кызыктуу маалыматтар жарыяланып турган. Арийне, Түштүк Сибирь өрөөнүндө орун алган байыркы жазуулар, курган жана эстеликтер (Сибирский вестник, 1818–1824) туурасында айтылган кабарлар илим адамдарынын бүйрүн кызытып, аларды жетик изилдөөгө болгон кызыгууну арттырган.

Айтылуу немец географы К. Риттер енисейлик жана тяньшандык кыргыздарды бир этнос катары караган. Окумуштуу хакастарды «чыгыштагы кыргыздар» деп, «буруттар же анык кара-кыргыздар сибирдеги енисейлик кыргыздар менен XVIII к. башталышында биригишкен деп эсептейт. Ошол эле убакта К. Риттердин кыргыздарга байланышкан көз карашы, маалыматтар карама – каршылыгынын туткагында калганы байкалат. Анын чыгармасынын бир жеринде кытай булактарында хакас аталган кыргыздар байыркы мезгилде Танну – Ола тоо кыркасынын түндүк тарабында деп көрсөтүлсө эмгектин башка бир бөлүгүндө кянь-кундар, б.а. кыргыздар уйгурлардын батышында, Яньцинин түндүгүндө, Ак тоолордо, т.а. Тянь-Шань тоо системасында орун алгандыгын белгиленет. Ошол эле кезде, ал ха-кацзылар менен кянь-кундар башында өз-өзүнчө жашагандыгын жазган.

К. Риттер кытай булактарынын негизинде кыргыздар 840-ж. уйгурларды талкалагандыгын жана акыркылар түштүк тарапка качкандыгын кабарлаган. Ошол эле убакта окумуштуу айрым котормолордо орун алган «кыргыз» этнониминин теркеш түрүндө жаңылыш жазылышын хэркес (хэркис) формасына тууралап өзгөрткөн. К. Риттер кытай булактарында ха-га-сы түрүндө катталган этнонимди чыгыш авторлорунун эмгектериндеги хэрхис аталган калктын аталышы катары эсептеген.

Кыргыздардын Улуу Державалык мезгилден кийинки татаал этногеосаясий тарыхы Борбордук Азиянын тарыхый географиясы боюнча жогорку адис эсептелген К. Риттерди да адаштырганы байкалат. Окумуштуу ибн Хордадбех, аль Истахри, ибн Хаукаль, Абу Дулаф сыяктуу чыгыш авторлорунун эмгектериндеги кыргыздардын тарыхына байланышкан маалыматтарды талдап, алардын тарыхый географиялык координатын так аныктай алган эмес. Ошондуктан, кыргыздардын саясий жактан начарлашын, ал «алгачкы коомдук абалга түшүш» катары баалаган жана мезгилдик жактан аны кидандардын күч алыш процесси менен түшүндүргөн. Айтылуу географтын пикирине караганда, араб саякатчысы аль Идриси алардын абалын аңдабай туруп, кыргыздарды тогузгуздардын түндүк тарабына жайгаштырган. Ошондой эле, К. Риттер бул учурда аймакта кимактар үстөмдүк кылып турушкандыгын, ал эми аль Идриси болсо кыргыздарды тогуздардын чыгышындагы кубаттуу Ся бийлиги орун алган чекке чегерүү менен бирге ал биримдикти кыргыздар деп атаган деп эсептейт.

Карл Риттердин изилдөөлөрүндө чыгышта, т.а. Енисейде жашаган кыргыздардын Тянь-Шанга жер которгондугу туурасында кызыктуу маалымат кездешет. Окумуштуу Тянь-Шань тоолорунун түндүк тарабында бурут аталышы менен орун алган кыргыздардын батышка көчүп келиши XҮҮҮ кылымга чейин эле жүргөн деп эсептейт. Ошондой эле, окумуштуу кыргыздардын батыш жана чыгыш бөлүктөрү ортосундагы айырмачылык алардын тилинде да орун алгандыгын белгилеген. К. Риттердин аныктамасына ылайык, батышка жер которгондор анык кыргыздар (буруттар) деп көрсөтүлүп, алар Түркстандагы кубакай жүздүү калктар менен аралашса керек. Бул кыргыздардын тили Тан династиясынын мезгилиндеги хакастардын тилиндей эле түрк тили болгон жана ага айрым араб жана перс сөздөрү кошулган. Ал эми чыгыш тарапта жашаган кыргыздардын тилине басымдуу түрдө монгол сөздөрү кирген. Акыркы факт аларды монгол тектүү деп эсептөөгө негиз бербейт. Ал түгүл алардын тышкы келбети да монголдордон кескин айырмаланат деп белгилеген.

Кыргыз темасына байланышкан буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө бир жагынан, «енисейлик кыргыздар» менен «алатоолук кыргыздарды», экинчи тарабынан «киргиз кайсактарды» чаташтыруулар орун алгандыгы байкалат. Мындай көрүнүш биринчиден, кыргыздардын саясий этникалык тарыхына арналган атайын изилдөөнүн жасалбагандыгын көрсөтсө; экинчиден, ал XҮX кылымдын экинчи жарымына чейинки тарыхый географиялык билимдин тайкылыгынын далили боло алат. Үчүнчү себеп, Борбордук Азияда жашаган казактар менен дондук казак орустардын аталыштарынын окшоштугуна байланышкан доминанттык саясий көз карашка байланышкан фактор. Натыйжасында казактар «киргиз» же «киргиз кайсак» аталышып, ал да кыргызтаануу проблемасына олуттуу залака келтирген. Төртүнчү маселе, XIX кылымдын экинчи жарымында жасалган этногеографиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында алатоолук кыргыздардын да бурут деп аталаарына байланышкан проблема түйүнү эсептелет.

А. И Левшиндин чыгармалары дал ушул топтолгон проблемалар түйүнүн чечиш максатында жасалган. Окумуштуу кыргыз этнонимине байланышкан маселелер талдоого алып, жогоруда белгиленген карама-каршылыктардын пайда болуш себептерин көрсөткөн. Окумуштуу Европа илиминде орун алган кыргыз (эмгекте киргиз – М. К.) жана кайсак этнотерминдер арасындагы чаташтыктарды чечмелөөгө аракет жасаган. Ал буга чейинки илимий изилдөөлөрдөгү кыргыз аталышы менен кыргыз-кайсак ортосунда байланыш жок экендигин көрсөткөн. А. И Левшин кыргыз аталышы менен белгиленген калктын түпкү теги азыркы кара (черный) кыргыз, закаменный кыргыз жана буруттар экендигин тактаган. Ошондой эле, окумуштуунун бул калкты анык кыргыздар деп белгилеши менен бирге, кыргыз этнонимине байланышкан тактоо киргизиши ошол кездеги илим үчүн айрыкча маанилүү. А. И Левшин азиялыктар аларды кара (черный) кыргыз жана буруттар деп аташса, россиялыктар ага дагы: дикие киргизы жана закаменные киргизы деген эки аталышты ыйгарышкандыгын белгилеген. Дикий деп аталгандын себеби, алар киргиз-кайсактарга караганда эр жүрөктүү болгондугу жана мыкаачылыгы, ошондой эле көпөс кербендерин карактагандагы айрыкча коркунучтуулугу менен айырмаланышкандыгына байланышкан. Закаменные деп аларды Сибирдин тургундары айтышкан. Окумуштуунун оюна ылайык, кыязы, бул алардын тоолордо жашагандыгына байланыштуу болсо керек.

А. И Левшин кыргыздардын тегине байланышкан маалыматтар тегерегинде терең талдоолорду жүргүзүү менен бирге, жазма булактарда орун алган даректердин маанисин көрсөтүүгө аракет жасаган. Алсак, Абу-л-Газинин эмгегиндеги Огуз-хандын бир небересинин аталышы кыргыз экендигин белгилеп, азыркы кыргыздар анын урпактары экендигине көңүл бурган. Окумуштуунун оюна караганда, Азияда жашаган көпчүлүк калктар өз аталыштарын уруу башчылары же өкүмдарларынын ысымдарына ылайык алышкан. А. И Левшин кыргыздардын байыркы калк экендигинин далили катары Земархтын элчилиги менен бирге Абу-л-Газинин кыргыздардын Чынгыз ханга чейин эле күчтүү калк экендиги туурасындагы маалыматтарды мисал катары келтирген.

Окумуштуунун оюна ылайык кыргыздардын Анжыян менен Кашгар аралыгына жер которушу жунгарлардын кысымы аркылуу XVII к. соңу XVIII кылымдын башталышында жүргүзүлгөн.

Кыргыз тарыхына айрыкча эмгек сиңирген окумуштуулардын алдыңкы катарында албетте, синолог Н. Я. Бичурин турат. Н. Я. Бичурин кыргыздардын тарыхын кытай жазма булактарына ылайык иликтеп, «Описание Чжунгарии» эмгегинде Хань династиясынын убагында эле кэргиз жана киргиз башкача айтканда, бурутар усундардын батыш тарабында көчүп жүргөн калктын аталышы экендигин белгилейт. Синолог аларды Чыгыш жана Батыш болуп бөлүнгөн калк катары «эки ордого» бөлгөн. Чыгыш тарабы Джунгариядан түштүк – батышка, Чыгыш Түркстандан түндүк-батышка, Илиден түндүк-чыгышка, Аксудан түштүк-чыгышка көчүп жүргөн. Бул жерлер Хань династиясынын убагында Усундардын батыш тарабында орун алып, башында ал Сэ калкына тиешелүү болгон. Азыркы кыргыздар мурда Хотан тоолорунун түштүгүндө, Тибеттин түндүк чегине жакын жерде жашашкан. Алар азыркы ээлеген аймакта кытайча болу, булу жана болюй аталыштары менен ҮV кылымда пайда болушат. Болу жана булу бурут сөзүнө жакын экендигинен улам, бурут байыркы Кэргиз аталышы эсептелет жана кытайлыктар менен монголдор азыр да аларды ушундай аташат деген жыйынтык чыгарат. Бичуриндин пикирине ылайык кыргыздардын Батыш ордосу Кашгардан түндүкбатышка, түштүк-чыгышы Сармысак тоолорго, Батыш тарабы Бухара чегине чейин тараган. Ошондой эле синолог, россиялыктардын аларды каменный, дикий, черный кэргизтер деп атай тургандыгын белгилеген.

Айтылуу синологдун жоромолуна жараша, бурут деген ысым менен белгилүү болгон кыргыздар Жунгариядан Түштүк-Батышты карай Кашгар менен Кокондун ортосунда орун алып, алар кэргыз деп түркчө аталат. Ошондой эле, алар башынан баштап бул аймакта көчүп жүрүшкөн. Ал эми, сибирдик казактар мамиле курган калк калмактардын бир отогу катары монголчо киргиз деп айтылган. Н.Я. Бичурин енисейлик кыргыздардын уруулук түзүлүшүн талдабастан туруп, алардын уруулук курамы да калмактар болушкан деген тыянак чыгарат.

Н. Я. Бичуриндин енисейлик кыргыздарды калмактардын жарабаган бир отогу катары карашы, тарых акыйкаттагына дал келбеген жаңылыш жобо. Өз убагында бул маселеге айтылуу чыгыштаануучу Ч. Ч. Валиханов көңүл буруп, сибирдик летопистерде кыргыздардын күчтүү жана жунгарларга моюн сунбаган өз алдынча калк экендигин көрсөткөн.

Мында Н. Я. Бичурин белгилеген кыргыздарды калмактардын «отогу» катары кабыл алынган маселе айрыкча талдоону талап кылат. Кытай булактарына ылайык кыргыздардын калмак урууларынын курамында катталышы, айтылуу синологду жаңылыш жоромол жасоого түрткү бергени байкалат. Мындан улам ал, кыргыздарды калмактын отогу же уруусу эле дебестен, аларды калмактын эле бир бөлүгү деп эсептеген. Оток термини калмактардын мезгилинде монголдордун омок аталышынын ордуна колдонууга алынган. Оток белгилүү бир аймакты ээлеген көчмөн калктын коомдук жана чарбалык бирдиги катары саналып, согуш талабына ылайык, ал аскер округу, туукошуун эсептелген.

Енисейлик кыргыздардын жунгарларга баш ийиши илимий адабиятта кенен изилденген проблемалардын бири жана анда синолог белгилеген алар «калмактардын бир отогу же уруусу» деген жобо жолукбайт (Абдыкалыков, 1968: 121; Бутанаев, 2005: 51). Ал эми кыргыздардын калмактарга отток түрүндө кошулуш маселесине келсек, мындай көрүнүш алардын саясий тарыхында мурда да, кийин да кайталанган. Алсак, енисейлик кыргыздар калмактарга отток түрүндө киргендей эле, убагында монгол Алтан хандарына жана андан соң Россия мамлекетине кошулган.

Айтылуу синологдун 1851-жылы жарык көргөн «Собрание сведений о народах, обитавщих в Средней Азии в древние времена» (чч. 1–3. – СПб) аттуу фундаменталдык эмгеги жалаң эле кыргыздардын орто кылымдар мезгили эмес, Борбордук Азияда жашаган калктардын этногенез жана этникалык тарыхын байыткан. Н. Я. Бичурин эмгеги кытай булактарынын негизинде куралып, анда кыргыздардын этносаясий, экономикалык абалы, маданияты, ишеними сыяктуу бай тарыхый этнографиялык материалдар орун алган.

Кыргыз тарыхына байланышкан баалуу маалымат Матиас Александер Кастрендин 1845–1849-жж. Сибирге жасаган экспедициясында топтолгон. Кастрен Енисей дарыясы боюндагы Ачинск жана Минусинск аймактарын кыдырып, Саян тоолору аркылуу Байкалга чейинки аралыкты кыдырып, тарыхый географиялык жана этнографиялык бай материал жыйнаган. Кастрен кыргыздар мурда хакас деп аталгандыгын жана алардын тили монголдор менен жакындашбай тургандыгын белгилейт. Анын айтымында, кыргыздар өз убагында Сибирь талаасын мекендеп, мындагы кургандар аларга таандык болгон.

Окумуштуунун айтымында кызылдык татарлар өздөрүн камлар (Qamlar) деп атай тургандыгын жана ал сөздүн уңгусунда Кам – шаман түшүнүгү тургандыгын эскертет. Кастрендин пикирине караганда, качиндик татарлар ариндер менен мында калган кыргыздардан куралган.

Кастрендин жол дептеринде Минуса өрөөнүнүн аталышы туурасында кызыктуу маалымат келтирилет. Жергиликтүү калктын эскерүүсүндө, байыркы чуд калкынан чыккан эки бир тууган дарыянын эки жээгинен бири-бирине «Mүn usa, mүn usa!», б.а., «мен жак» же «менин бөлүгүм» деп кыйкырышат экен. Окумуштуу аны финдердин «mүnүn osa» сөзү менен окшоштурат. Фин илимпозу Түштүк Сибирь аймагындагы петроглиф, тарыхый эстеликтер жана жергиликтүү калктын ишенимдери менен этнографиясы туурасында бай материал топтогон. Мындан тышкары, Кастрен Байкал көлүнө көчүп келген монголдорду Борте Чино баштап, алар бите аталган калкка коңшу жайгашкан. Окумуштуу алардын кыргыз болгондугу туурасындагы пикирге кошулуп, акыркылардын бул аймакта монголдор көчүп келген чейин эле жашагандыгын белгилейт. Бите аталышы элдин эсинде калбаганы менен Селенга дарыясынын боюнда айтылган уламыштар кыргыздардын бул жерде жашагандыгын айгинелейт. Селенга өрөөнүндөгү таш дөбөлөр же кургандар так ошол кыргыздардыкы деп эсептелинет. Айрыкча, Селенганын батышындагылар Kүrgүt-ur, б.а. кыргыз турактары деп айтылаарын билдирген фин окумуштуусу. Кастрендин илимий иликтөөсү руникалык эстеликтерди да камтып, окумуштуу белгисиз жазуулардын бир канча көчүрмөсүн алган.

Кыргыз тарыхынын андан ары тереңдетилип изилдениши жана жаңы илимий материалдардын топтолуш багытында 1851-жылы ачылган Орус географиялык коомунун Сибирь бөлүмү маанилүү роль ойногон.

Россия мамлекетинин Сибирди өздөштүрүш үчүн жасаган саясий жана экономикалык аракети, илимий тармакты да камтып, 1877-жылы Омск шаарында Батыш – Сибирь географиялык коомунун бөлүмү ачылат. Батыш – Сибирь географиялык коомунун негизги максаты

Батыш Сибирь менен чектешкен Орто Азия жана Батыш Кытайдын аймактарын тарыхый географиялык, этнографиялык жана археологиялык жактан терең изилдөө эсептелген. Максатка ылайык, Батыш-Сибирь географиялык коомунда Н. М. Ядринцев, Д. А. Клеменц, Н. М. Мартьянов, И. Я. Словцов, Г. Е. Катанаев, Г. Н. Потанин, М. В. Певцов сыяктуу илимге берилген окумуштуулар эмгектенген.

Минусинск өрөөнүндөгү археологиялык материалдарды изилдөө багытында жана илим айдыңына чыгарууда олуттуу салым кошкон окумуштуулардын көч башында

Д. А. Клеменц турат. Ал XIX к. 80–90-жж. аталган аймакта археологиялык изилдөө жүргүзүп, 1886-ж. «Древности Минусинского музея» аттуу олуттуу эмгегин жарыялаган. Ошондой эле Уйбат жана Чулым өрөөндөрүндөгү археологиялык эстеликтерди изилдеген.

Кыргыздардын орто кылымдагы тарыхына байланышкан баалуу изилдөөлөр академик В.В. Радловдун калемине тиешелүү. В.В. Радлов өз мезгилинде Кастрен көңүл бурган теманы улантып, Сибирь калктарынын уруулук түзүлүшүн терең изилдөөгө алып, бул проблема алардын пайда болушун ачып берүүчү ачкыч эсептелет деп ишенген. Бул багытта жүргүзүлгөн үзүрлүү изилдөөлөрдүн натыйжасында, көлөмү чакан болгону менен илимий жактан бай материал менен жабдылган «Этнографический обзор турецких племён Сибири и Монголии» аталган эмгек жазылган. Окумуштуу анда кыргыздардын Енисейден сүрүлүшү монголдордун XҮII кылымдагы кысымына байланыштуу жүргөн деп эсептеген. Радловдун пикирине караганда кыргыздар мекенинен үч багытта чыгышкан. Биринчи багыт – ТяньШанды карай, экинчиси – Жогорку Енисейге, үчүнчүлөрү болсо Саяндын түндүгүн көздөй жер которушкан.

Болочок академик Алтайга жаңы келгенден тарта эле жергиликтүү калктардын тилин изилдей баштаган. В. В. Радловдун Сибирдеги түрк тилдүү: алтайлыктар, телеуттар, шорлор, кумандиндер, тувалыктар, минусиндик татарлар, казактар менен кыргыздар арасында он жылдык жүргүзүлгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасында «Опыт словаря тюркских наречий» аталган фундаменталдык эмгек жаралган.

В.В. Радлов 1862-жылы Кулунду аймагы аркылуу Кыргызстанга чейин илимий экспедиция уюштуруп, жергиликтүү калктын тарыхый этнографиясы, аталган аймактын тарыхый географиясы туурасында бай материал топтогон. Буга чейин жүргүзгөн илимий изилдөө иштеринин натыйжасы катары, окумуштуунун кыргыздар туурасындагы илимий макаласынын Париждеги айтылуу илим журналында жарыяланган фактысын айтсак болот. В.В. Радловдун макаласында кыргыздардын Енисей аймагынан жер которуш маселеси козголуп, ал процесс душмандардын кол салуусуна байланыштуу экендигине көңүл бурат. Кыргыздардын Тянь-Шанга 200 жыл чамалуу илгери келгендигинен күмөн санаган окумуштуу, бул көрүнүштү кыска убакыт өткөндүгүнө карабастан тагдыр чечүүчү окуя канткенде калктын эсинде сакталбаган деп түшүндүргөн. Ошол эле убакта, кыргыздар өздөрүн бул жерге Алтайдан көчүп келген деп эсептеген жалгыз эл экендигине көңүл бурган. Окумуштуу енисейлик жана алатоолук кыргыздарды бир эл деп эсептеп, Түштүк Сибирде жашаган кыргыздардын Ала Тоого жер которуусу X кылымда болгон окуя деп эсептеген.

Академик Кыргызстан аймагына 1868-жылы да келип, кийин ал иликтөө жыйынтыктары кыргыздардын этногенез, этникалык тарыхына байланышкан өрнөктүү илимий эмгектердин жазылышына негиз болуп берген. Окумуштуунун «Сибирден» аталган айтылуу эмгеги 1884-жылы жарык көрүп, анда кыргыздарга байланыштуу топтолгон бай материал окурманга сунуш кылынат. В. В.Радловдун кыргыздардын этногенези жана этникалык тарыхы тегерегинде жүргүзгөн ой жүгүртүүлөрү бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жогото элек. В. В. Радловдун башка эмгектеринде кыргыздардын тарыхы, этнографиясы жана фольклору боюнча баалуу маалыматтар камтылат.

Анткен менен Радловдун айрым бүтүмдөрү жаңы жасалган илимий изилдөө талаптарына жооп бербегендиги байкалып, аларга жаңыча кароону талап кылат. Алардын негизгилеринин бири – ал, окумуштуунун Минусин өрөөнүндө жашаган байыркы калкты «хакас» деп эсептеши. Бул маселеге өз убагында окумуштуу С. И. Вайнштейн да көңүл бурган жана «хакас» термини менен кыргыз этноними ортосундагы чаташтык синологиялык илимдин адегендеги өнүгүү этабына ылайык көрүнүш экендигин белгилеген (Вайнштейн, 1989: 655–656).

Окумуштуунун байыркы руникалык жазуусу боюнча аткарган албан эмгеги кыргызтаануу темасы үчүн айрыкча актуалдуу. Кыргыздардын коомдук-экономикалык жана саясий түзүлүшүнө байланышкан маселелерди чечүүдө айтылуу тюркологдун илимий изилдөөлөрү түздөн-түз көмөктөшөөрү бышык (1897; 1894; 1894а; 1895).

Кыргыз тарыхынын изилденишин жаңы деңгээлге жеткирген окумуштуу Ч. Ч. Валиханов эсептелинет. Валиханов полковник М. М. Хоментовский жетектеген аскердик-илимий экспедиция курамында 1856-жылы Кыргызстан аймагына келип, кыргыздардын тарыхы жана фольклоруна байланышкан бай материал топтогон (Валиханов, 1984: 36). Валихановдун 1856–1857-жж. даярдаган «Записки о киргизах» эмгегинде «дикокаменный» кыргыздар өздөрүн тек гана «кыргыз» деп эсептешет жана бул аталыш менен алар бардык ортоазиялык мусулмандарга белгилүү» деп эсептейт. Окумуштуу кыргыз этногенезин бир тектен чыккандыгын белгилеп, алардын бөлүнгүс тулку бир калк (demos) экендигине көңүл бурган. Ошол убактагы илимий материалдардын тартыштыгы, кыргыз аталышынын кеңири хронологиялык жана географиялык алкагы окумуштууларды жаңылыш нукка бурган. Мисалы, Н. Я. Бичурин Енисей жана Тянь–Шанда жашаган кыргыздарды эки башка калк деп эсептеген (Бичурин, 1829: 28; 1834: 29). Валиханов кытайтаануучунун көз карашын сынга алып, аларды экиге бөлгөнгө эч негиз жок экендигин жана алардын ортосундагы түздөн-түз байланыш жалпы аталыш менен аныкталаарын белгилеген. Окумуштуунун оюна ылайык бул жөн гана этимологиялык жакындык же окшоштук эмес деп эсептейт (Валиханов, 1985: 63). Ошондой эле Валиханов кыргыздар Чыгыш Түркстанга Чынгыз ханга чейин, же анын тушунда жер которгондугун белгилеген (Валиханов, 1985: 65;). Муну менен бирге, ал Бичуриндин кыргыздарды калмактардын бир отогу деп эсептеген көз карашына каршы, оюн билдирип, россиялык документтерде енисейлик кыргыздардын күчтү өз алдынча калк экендигин көрсөткөн (Валиханов, 1958: 313).

Валихановдун кийинки баамдоосу кыргыз этноними боюнча топтогон материалы эсептелинет. Окумуштуу калк арасында айтылган «кыргыз кырк кыздан тараган» деген уламышты кагаз бетине түшүргөн (Валиханов, 1985: 4648). «Очерки Джунгарии» эмгегинде, ал енисейлик кыргыздар менен алатоолук кыргыздардын бир эле экендигин кытай жазма булагындагы киликицзе аталышы 40 кыз экендигине жана анын аналогиясы азыркы кыргыздар арасында айтылгандыгына көңүл бурат.

Ч. Ч. Валиханов кыргыздардын адегендеги тарыхый мекени Түштүк Сибирь экендигин белгилеп, алардын азыркы аймагына жер которуусу балким, Чынгыз ханга чейинки уйгурлардын Икар-Мурундан жылыш доорунда же ошол учурда болсо керек деген божомол жасаган.

Окумуштуунун Түштүк Сибирь жана Ала Тоодо жашаган кыргыздардын бир эл экендиги менен алардын баштапкы мекени туурасында айткан пикиринин кыргызтаануу үчүн айрыкча мааниси бар. Буга чейинки тарыхнаамада Ч. Ч. Валихановду кыргыздардын автохтондуулугун жактаган окумуштуу катары көрсөтүп келишкен. Бул көз караштын жаңылыш экендигине биринчи жолу Ө.К.Караев көңүл бурган жана айтылуу окумуштуунун анык көз карашын калыбына келтирген (Караев, 1989: 10).

Батыш-Сибирь географиялык коомунун кыргызтаануу багытында жүргүзгөн илимий иштери арасынан окумуштуу Г. Н. Потаниндин изилдөөлөрүн айрыкча белгилөөгө муктаждык бар. Окумуштуу Саян-Алтай, Монголия жана Кытайга жасалган экспедицияларга катышып, элдик уламыштар жана эпикалык чыгармалар боюнча теңдешкис маалыматтарды топтогон. Г. Н. Потаниндин Кыргыз нор көлүнүн айланасында жашаган котондорду алатоолук кыргыздар менен байланыштыруусу жана алардын этнографиясына тиешелүү маалыматтарды келтириши саясий этникалык проблемаларды чечүүгө көмөктөшөөрү бышык.

Бир мезгилде кыргыз этнониминин этимологиясына байланышкан көз караштар илим коомчулугунун бүйүрүн кызыккандыгы байкалат. Сибирге жасаган саякат мезгилинде жасалган баамдоосуна ылайык, кыргыз этноними «кыр» – талаа, ал эми «гыз» сөзү – жердөөчү, тургуну дегенди туюнтуп, кыргыз аталышынын жалпы мааниси талаа тургуну дегенди билдирет.

Кыргыз этнониминин этимологиялык маселесине кайрылган окумуштуулардын бири да А. Вамбери эсептелет. Ал кыргыз аталышы «кыр» – талаа, «гыз» – кезүү сөздөрүнөн куралып, анын этимологиялык мааниси кезип жүрүүчү дегенди туюнтат деген. Монгол тилинен келген бурут этноними да бор – боор сөзүнөн алынып, ал бор, бур түрүндө өзгөргөндүгүн белгилеген. Орус илим адамы катары калыптанган теги бурят окумуштуусу Доржи Банзаровдун кыргыз тарыхына кошкон салымы олуттуу. Окумуштуунун кыргыз жана кэргут аталышы түрк тилиндеги кырк жана көптүк санды жалпылаган мүчөдөн куралгандыгы (Банзаров, 1891: 86) жөнүндө биринчи болуп билдирген пикири азыркы күндө да актуалдуулугун жогото элек.

Кыргыз тарыхына айрыкча салым кошкон окумуштуулардын бири – албетте Н. Я. Аристов эсептелинет. Окумуштуунун «Опыт выяснения этнического состава киргиз-казахов Большой орды и каракиргизов на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях и о родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся, антропологических исследований» жана «Заметки об этническом составе тюркских племён и народностей и сведения об их численности» аталган эмгектеринде кыргызтаануу темасына байланышкан баалуу жоромолор жасалган (Аристов, 1894, 1896).

Биринчи эмгекте Саян-Алтай элдеринин тамгалары изилденип, алардын байыркы жазуулар менен окшоштугу бар экендиги көрсөтүлөт. Ошондой эле Аристов ал жазуулар Енисейде жашаган кыргыздардыкы болгон деген көз карашты жактаган окумуштууларды колдогон (Аристов, 1894: 418). Уруулук түзүлүштү талдоого келгенде, ал казак калкындагы сары уйсундар менен кыргыздардын тектеш экендигин белгилейт. Окумуштуу муну сары уйсундар ичиндеги «кырк» аталган уруктун орун алышы менен түшүндүрөт (Аристов, 1894: 422–423). Н.А.Аристовдун байыркы алакчын уруусу туурасындагы ой жүгүртүүсү кыргызтаануу темасы үчүн айрыкча актуалдуу. Ал чыгыш авторлорунун эмгегинде эскерилген алакчындардын Енисей дарыясынын өрөөнүндө кыргыздар менен коңшу жашагандыгына көңүл бурган. Окумуштуу аларды байыркы динлиндер деп эсептеп, кыргыздар менен динлиндердин тектеш экендигин жазма булак маалыматтары жана уламыштык даректер аркылуу далилдегенге аракет жасайт. Алсак, байыркы убакта коңшу жашаган эки калктын ортосунда орун алган этникалык жуурулушуу процесси кытай булактарында катталган. Ошондой эле, өз убагында кагазга түшүрүлгөн уламышта, кыргыздар Алач-хандан тарагандыгы кабарланат. Алач-хандын сүйүктүү биринчи жарынын тун уулу ала туулуп, каарданган өкүмдар бала менен кошо кырк кызды ордодон талаага чыгарган. Уламышта ошол хандын уулунан жана кырк кыздан «кыргыз» калкы тараган деп айтылат.

Н. А. Аристов бир жагынан алакчын менен динлиндер арасындагы алаканы, экинчи тарабынан динлиндер жана кыргыздардын байланышын белгилеп, кыргыздар түрктөр менен енисейлик динлиндер ортосундагы метистешүүдөн пайда болгонбу деген суроо коёт (Аристов, 1894: 425–427).

Окумуштуунун пикирине караганда, кыргыздар Ортоңку Монголиядан усундарга чейин эле Түндүк-Батыш Тянь-Шанга жер которушкан. Усундар болсо, Енисейден бөлүнгөн жергиликтүү кыргыздардын бир бөлүгү болгон. Кийин алар кытай булактарында кыргыз аталышкан. Ортоңку Монголияда жашаган усундар кыргыздардан эмес, түрк урууларынын биримдигинен куралышып, алардын башында кыргыз бөлүгү эсептелген усундар турушкан. Усундар менен енисейлик кыргыздардын түпкү бабалары болгон байыркы кыргыздар, түрктөр менен динлиндердин кошулуусунан жаралган (Аристов, 1894: 450–451; 464–465).

Н.А.Аристов усундар менен кыргыздардын генеологиялык байланышын кытай булактарында катталган Чжичжи шаньюйдун маалындагы маалыматтар менен байланыштырып, асиги жана гэшу аталыштарын кыргыздардын «ассык» (азык – М. К.) жана кучу (кушчу – М. К.) уруулары менен байланыштырат (Аристов, 1894: 460–461).

Окумуштуунун «Заметки об этническом составе тюркских племён и народностей и сведения об их численности» аталган экинчи эмгеги негизинен кытай булактарындагы маалыматтарды талдоого арналган. Синологиялык материалдар менен көчмөн талаадагы этникалык кырдаал генеалогиялык жана уруулук структура негизинде салыштырылып, эмгекте тарых илими үчүн кызыктуу жоромолдор сунуш кылынат.

Кытай мамлекетинин биригүү мезгилиндеги жазма булактарда учураган айрым маалыматтар азыр да Н. А. Аристовдун жоромолуна ылайык жасалып келет. Алардын бири – «Чжоу шу», «Суй шу» булактарындагы кыргыздардын Афу жана Кем дарыяларынын боюнда орун алгандыгы туурасындагы маалымат. Окумуштуунун аталган гидронимдерди Абакан жана Енисей деп белгилеши бул темага кайрылган окумуштуулар тарабынан толук кабыл алынган (Аристов, 1896: 278). Ошондой эле, эмгекте байыркы этностор арасындагы этникалык процесс жана анын кыргыздарга тийгизген таасири изилдөөгө алынат (Аристов, 1896: – 322–328).

Н. А. Аристовдун эмгегине өз убагында тарыхчы адистер тарабынан калыс баа берилген. Изилдөөнүн жетишкендиктери менен баалуулуктары жана анда орун алган кемчиликтер көрсөтүлгөн (Бартольд, 1968: 266–279)

Окумуштуунун кийинки эмгеги «Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: Очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии» аталып, ал өз маалында К. Риттердин «Землевеление Азии» эмгегине толуктоо ирээтинде жазылган. Изилий иштеги кыргыз темасы боюнча келтирилген проблемалар негизинен мурдагы эмгектерде жасалган изилдөө жыйынтыктарын кайталайт (Аристов, 2001).

Кыргызтаануу темасына байланышкан проблемалардын чечилишин жеңилдеткен илимий изилдөө иштери XҮX к. экинчи жарымында жаңы өнүгүү баскычына көтөрүлгөн. Синологиялык, ошондой эле тюркологиялык багытта жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр кыргыздардын этногенез жана этникалык тарыхына арналып, жалпысынан алар кийинки иликтөөлөр үчүн өрнөк болуп бергени шексиз.

Орто кылымдагы кыргыздардын тарыхына байланышкан синологиялык изилдөөлөр В. П. Васильев, Д.М.Позднеев, С. Жульен, А. Масперо, Э Шаванн, П. Пелльо, Паркер, В. Шотт, Э. Х. Паркер, О. Франке сыяктуу XIX к. экинчи жарымындагы илимпоздордун эмгектеринде чагылдырылат. Булактык мазмундагы эмгектер булактаануу бөлүмүндө карала тургандыктан, аталган авторлордун комплекстүү мазмундагы айрым чыгармаларына айрыкча көңүл буруу зарыл.

Алсак, ушул кагортадагы окумуштуулар арасынан В. Шоттун эмгеги кыргыздардын тарыхын батыштын илим коомчулугуна таанытуу максатын көздөгөн. В. Шотт батыш илим адамдары арасынан кыргыздардын тарыхы боюнча жогорку сапаттагы кытай жазма булактары менен колдонгон биринчи илимпоз эсептелет. Ал буга чейин илим коомчулугу үчүн белгисиз болгон кытай булактарын колдонуп, анын натыйжасында кыргыздардын тарыхы үчүн баалуу илимий изилдөө жүргүзгөн.

Ал макаланын жазылышы максатын, ошол убактагы илимий изилдөөлөрдө орун алган «кыргыз» аталып жүргөн «казактар» менен анык кыргыздардын ортосундагы айырмачылыкты тактап, кетирилген катаны оңдоо керектигин көрсөткөн. Окумуштуу Тан шу булагындагы байыркы кыргыздар гэгунь аталаары жана кийин алар хягас болуп жазылаарын белгилейт жана ал форманын пайда болушу уйгурларга тийиштүү экендигин жана акыркылар анык аталышты, алардын кызыл-сары түсүнө ылайык бергендигин көрсөтөт. Ошол эле убакта, окумуштуу жазма булактагы маалыматтар ортосунда жаңылыштык орун алгандыгын көрсөтүп, башка бир кытай булагында кыргыздардын өңдөрү апакай тунук болгондугун, ал эми кызгыл сары түс болсо, ал баштагы чачты аныкташ үчүн белгиленсе керек деп жоромолдойт.

Окумуштуу кытай булактарында катталган жазылыш түрүн тилдик өзгөчөлүккө ылайык талдап, кийинки кытай булактарындагы иероглифтин кыргыз аталышын так берээрин аныктаган.

В. Шоттун эмгегинде буга чейин синологдор тарабынан кетирилген каталар боюнча талдоо жүргүзүлүп, кыргыздар колдонгон айрым терминдер туурасында тактоолор киргизилет. Алардын арасынан көңүл бурууга арзый турган жоромол, Кыргыз каганатынын башкаруучусу А-же аталышы эсептелет. Окумуштуу аны A-śe деп окуп, ал ата же өлкөнүн атасы дегенди туюнтушу мүмкүн деп эсептейт.

В. Шотт енисейлик жана алатоолук кыргыздарды бир эл деп эсептеген. Синолог ал үчүн башында В.В.Радловдун кыргыздардын 10-кылымда уйгурларды кууп келип, бул аймакта жашап калышын мисалга келтирет. Андан соң енисейлик жана алатоолук кыргыздардын бир эл экенинин далилдей турган «кырк кызга» байланышкан уламыштын орун алышын көрсөтөт.

Борбордук Азияда жашаган калктардын тарыхына арналган Э. Х. Паркердин эмгегинде кыргыздардын тарыхына атайын бөлүм бөлүнгөн. Окумуштуу кыргыздардын 2000 жыл бою бир аймакта жашап тургандыгын жана динлиндердин ордуна жаңылыштык кетирип, алардын канкали аталган калк менен аралашып кеткендигине көңүл бурган. Паркердин пикирине ылайык, Балхаш көлү кыргыздардын ээлигине каратылып, алардын түштүкчыгышында карлуктар орун алган. Окумуштуу кыргыз деген уйгур тилинде «саргыч куйкум» түс деп бурмаланган сөз экендигин жана алар башында керкур деп атала тургандыгын белгилейт.

Паркер кыргыздардын тарыхын Тан шу булагындаг белгилүү болгон маалыматтар негизинде баяндап, ошол эле убакта айрым урунттуу окуялар боюнча жеке өзүнүн оригиналдуу пикирин билдирүүгө аракет жасаган. Алардын негизгилеринин бири – кыргыздардын Кулжада жашагандыгы жана усундардын балким кыргыз болгонбу деген жоромолу. Мындан тышкары белгилей кетчү нерсе, ал окумуштуунун кыргыздарды бир калк деп эсептегени.

Кыргыз этноними алар жашаган территориянын аталышына жараша өз алдынча калыптанган мамлекетке ыйгарылган. Тактап айтканда, этнонимдин биринчи бөлүгү катары жазылган Кем, б.а. Енисей дарыясы; ал эми анын экинчи бөлүгү болсо Орхон дарыясынын аталыштары эсептелет.

Э. Шаванндын синологиялык материалдарга негизделген чыгармаларында кыргыздардын тарыхына байланыштуу кызыктуу маалыматтар учурайт. Э. Шаванндын байыркы кыргыздардын маданияты жана этнографиясы боюнча айтылган олуттуу ойлору азыркы күндө да өз актуалдуулугун жогото элек. Айтылуу синолог айбанат календарын кыргыздар колдонгондугун жана ал факт кытайлардын «Тан шу» булагында катталгандыгын белгилеген.

Чыгыштаануу илимине айрыкча салым кошкон илимпоздордун алдыңкы катарында албетте, айтылуу француз синологу П. Пелльо турат. Окумуштуу Орхон жазууларында Qyrγyz ал эми,кытай булактарында доор башталышында Kүen-kouen түрүндө катталган кыргыз этнониминин бир экендигин белгилейт. Ошол эле убакта Kүen-kouen жазылышынын транскрипциясы Qyrqun болуп окулушу, ал монгол тилиндеги көптүк форманы туюнтаарын эскерткен.

Пелльонун көп кырдуу эмгектеринде кыргыз темасына байланышкан проблемалар көтөрүлүп, алардан биз этнографиялык жана көчмөн калктардын саясий системасына байланышкан бай материал менен тааныша алабыз.

Кыргызтаануу темасы үчүн тюркология багытындагы өрнөктүү изилдөөлөр XIX кылымдын соңунда жасалган. Жогоруда эскерилген В. В. Радлов менен бирге Н. М. Ядринцев, П. М. Мелиоранский, А. Гейкель, Д.А. Клеменц тарабынан жасалган Орхон-Енисей эстеликтеринин ачылыштары менен изилдениши жана алардын В. Томсен менен В. В. Радлов тарабынан окулуп, андан кийин жарыяланышы жалпы Борбордук Азиянын орто кылымдагы тарыхы үчүн олуттуу салым болгон.

Чыгыштаануу илиминин кыргыз темасына жакындан кайрылуусу XIX к. соңу, XX к. башталыш мезгилине туш келет. Айрыкча, байыркы кыргыздардын этникалык тарыхына байланышкан кызыктуу баамдоолор учурайт. Окумуштуу батыш илиминде буга чейин кыргыз этнонимин Кем (Енисей) жана Кун (Орхон) гидронимдери менен байланыштырып келген көз карашты сынга алат. Окумуштуу этнонимдин этимологиясын территориялык мүнөздөн ажыратыш максатында, кыргыздардын саясий тарыхына экскурс жасап, б.з.ч. I к. ортосундагы Чжичжи шаньюйдун батышка жасаган жортуулунун багыттары менен жетишилген жыйынтыктарын талдайт. Белгилүү болгондой Чжичжи усундардын колун талкалагандан кийин, алардын түндүк тарабындагы уцзелерди, андан соң алардын батыш жагындагы цзяньгундарды, андан барып алардын түндүгүндө орун алган динлиндерди жеңип, өз ордосун кыргыз жергесине орноткон. Кыргыздардын мекени шаньюй ордосунан батышка карай 7000 ли, Яньциден түндүк тарапка 5000 ли узактыкта орун алган (Таскин, 1973: 37; Боровкова, 1989: 61–62).

Маркварт аталган маалыматка таянып, кыргыздардын байыркы мекени Енисей дарыясынын башатынан кыйла батышта орун алгандыгын айткан. Ошол эле кезде, ал кытайлардын «Вэй люэ» булагындагы кыргыздардын мекени туурасындагы кабарын ашкерелеп, кыргыздар башында Или дарыясы жана Балхаш көлүнөн кыйла түндүгүрөөк орун алгандыгын белгилейт. Окумуштуунун пикирине ылайык, кубакай чачтуу көк көз кьен-кундар Енисей аймагына жер которуу натыйжасында орун алышкан.

Байыркы мекенди тактоо маселесине келгенде, чыгыштаануучу мусулман авторлорунун кыргыздардын тегин славяндар менен байланыштырган маалыматын жогору баалайт. Чжичжи шаньюйдун жортуул натыйжасына ылайык, кыргыздардын ээлиги Хаминин батышы, Яньцинин түндүк тарабы жана Актагдын жанында деген кытай авторлорунун баяндоосу, аларды уцзелердин жерине жаңылыш жайгаштырат деп эсептейт окумуштуу. Ал эми аль-Гайханинин маалыматына караганда, кыргыздар славян тегинен чыккандыктан алар түрк да, мусулман да болгон эмес. Окумуштуу эки элдин тектеш экендиги туурасындагы маалыматтан кийин убакыт өткөндүгүнө карабастан, кыргыздардын европеоид расасынан экендиги туурасындагы уламыш VIII кылымга чейин сакталып калган деп эсептейт.

Ушул катардагы илимпоздор менен кыргыздардын тарыхнаамасынын I этабын жыйынтыктоого негиз бар. Шарттуу түрдө аны «Совет мезгилине же XX к. башталышына чейинки кыргыз тарыхнаамасы» деп атасак болот. Бул убакта кыргыздар туурасында кыскача мазмундагы маалыматтар топтоло баштаган. Алардын жашаган жери жана этнографиясы жөнүндө үзүл-кесил болсо да даректер жыйналып, ал кыргыздардын тарыхын Россия менен Батыш Европа өлкөлөрүндө изилденишине историографиялык негиз болуп берген.

Мессершмитд менен Страленбергдердин изилдөөлөрү жалаң эле батышта эмес, ал Россиядагы тарых илиминин андан ары өнүгүшүнө көмөк кошкон. Эки окумуштуунун кыргыздар туурасында жазган изилдөөлөрүндө, айрыкча Страленбергдин эмгеги чыгыш авторлорунун чыгармалары менен толукталып, ал илимий ишке болгон мамилени андан ары комплекстүү мамиле жасалышына түрткү берген.

Сибирь аймагына жасалган экспедициялар жана ага катышкан Миллер, Фишер сыяктуу окумуштуулардын изилдөөлөрү кыргыз историографиясын этнографиялык материалдар менен бирге жазма булактык жана уламыштык маалыматтарга көңүл буруу зарылчылыгын актуалдаштырган.

Кыргыз тарыхынын өз алдынча илимий изилдөө багытына айланышына синология илими айрыкча салым кошкон. Дегинь, Висдолу, Деверия, Жульен, Васильев, Позднеев, Бичурин, Клапрот, Абель-Ремюза, Паркер, Шотт сыяктуу синологдор кыргызтаануу илиминин калыптанышына салым кошкон окумуштуулар эсептелинишет.

Бул этапта тюркология да өз алдынча илим катары калыптанып, Томсен, Радлов, Мелиоранский ж.б. окумуштуулар Енисей жана Орхон эстеликтерин окушуп, кыргызтаануу илиминин изилдөө өңүтүн өркүндөтүшкөн.

Кыргызтаануу багытындагы кийинки илимий изилдөө этабын шарттуу түрдө «Совет жана постсоветтик мезгилдеги же XX кылымдын башталышынан кийинки тарыхнаама» деп атасак болот.

Эки кылым тогошунда кыргыздардын эрте орто кылымдар мезгилиндеги тарыхы боюнча оригиналдуу көз карашын билдирген окумуштуулардын бири – Г.Е. Грумм-Гржимайло эсептелет. Окумуштуу енисейлик кыргыздардын европеоиддик расада экендигин белгилеп, алардын динлиндер менен этногенетикалык байланышта болгондугун айткан (Грумм-Гржимайло, 1899: 93–94). Г. Е. Грумм-Грижмайло кыргыздардын IX к. жарымында эки канатка бөлүнгөндүгү туурасындагы академик В. В. Бартольддун көз карашын колдоп, 840-жылы енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү Тянь-Шанга жер которгондугун белгилеген (Грумм-Гржимайло, 1899: 93–94; 1909: 170). Ал соңку кыргыз элинин куралышына бурут компоненти чечүүчү роль ойногондугун белгилөө менен бирге, буруттар XIII  к. Түштүк Сибирден Тянь-Шанга көчүп келишип, алар кыргыздар менен аралашып, өз этнониминен ажыраган (Грум-Гржимайло, 1926: 178–180) деген оюн айткан.

Кыргыздардын орто кылымдардын эрте мезгилиндеги тарыхын изилдөөгө айрыкча салым кошкон жана кыргыз тарыхынын өз алдынча илимий изилдөө багытына айланткан илимпоз албетте, академик В. В. Бартольд эсептелет. Кыргыздардын этногенез жана этникалык тарыхынын урунттуу проблемалары боюнча академик белгилеген проблемалар актуалдуулугун жогото элек. В. В. Бартольд 1893–1894-жж. Орто Азияга уюшулган илимий экспедицияларга катышып, ал аймакта жашаган этностордун этникалык, этномаданий тарыхы боюнча көөнөргүс эмгектерди жараткан (Бартольд, 1966: 21–94). Илимпоздун Орто Азияга жасаган илимий экспедицияга катышышы жана кийинки изилдөө темалар боюнча топтогон материалдары кыргыз калкынын этникалык проблемалары тегерегинде көз карашын билдирүүгө өбөлгө болуп берген. Асыресе, XIX к. аягы жана ХХ к. башталышында илим тармагына кытай жазма булактары менен араб, перс авторлорунун эмгектеринин тартылышы кыргыз тарыхына байланышкан изилдөө проблемаларынын өңүтүн кеңейткен. Албетте, илимпоз изилдеген проблемалардын өзөгүндө кыргыздардын Енисейден Ала Тоого жер которуш маселеси турат.

В. В. Бартольд «Очерк истории Семиречья» эмгегинде кыргыздардын Чыгыш Түркстанга жер которуш проблемасын, мында жашаган карлуктар менен болгон союздаш мамилеге, ошондой эле араб жана тибеттиктер менен соода алакасына байланыштырат. Окумуштуу Пенчул же азыркы Аксу шаары X к. карлуктардын, кийин тогуз-огуздардын колуна өтүп, андан соң аны кыргыздар ээлегендигин көрсөтөт (Бартольд, 1963: 39; 1963 б: 492). В. В. Бартольд кыязы, кыргыздар азыркы мекени эсептелген Жетисуу аймагынын бир бөлүгүн тогуз-огуздарга каршы күрөштө карлуктар менен биригип ээлеп алышкан. Ошол эле убакта, окумуштуу кыргыздардын негизги массасы Жетисууга кийин көчүп келишкен. Эгер, кыргыздар мында карахандар мезгилинде жашашса, анда алар сөзсүз түрдө X же ХҮ к. ислам динин кабыл алышмак. Биз билгендей, алар

ХVҮ к. деле кайырдин бойдон кала беришкен (Бартольд, 1963: 39) деген оюн билдирген. Академиктин пикирине ылайык жазма булактар боюнча, кыргыздардын Жетисуу аймагында биринчи болуп эскерилишин Моголистандагы 1503-жылга байланышкан Мансур хан менен Халил султан ортосундагы окуяларга байланыштырат. Ошол эле убакта, ал кыргыздардын бир бөлүгү бул жерге X к. жер которгон деп эсептейт. В. В. Бартольд Мухаммед Хайдердин эмгегинде кыргыздар менен монгол калкы ортосунда этнографиялык айырмачылыкты көрсөтүлбөгөндүгүнө көңүл буруп, орто кылым автору эки калк арасындагы араздашуу монголдор ислам динин кабыл алышып, ал эми кыргыздар кайырдин бойдон калганына байланыштыргандыгын белгилеген (Бартольд, 1963: 90).

Кыргыздардын орто кылымдардын эрте мезгилиндеги тарыхына негиз салган илимий изилдөө В. В. Бартольддун «Киргизы: Исторический очерк» аталган эмгегинде жасалган. Чыгарма кытай, араб, перс жана византиялык булактар камтып, буга чейин жазылган историографиялык илимий изилдөөлөргө анализ жүргүзүү методикасы менен айырмаланат.

Академик В.В.Бартольддун аталган эмгегинде, биринчи жолу кыргыздардын байыркы мезгилден тарта XIX-к. аягына чейинки тарыхы, ошол кезде белгилүү болгон материалдарды колдонуу аркылуу изилденген. Ошондой эле Енисейдеги Кыргыз каганатынын өнүгүү баскычтары В. В.Бартольд тарабынан так белгиленип, Борбордук Азиядагы түрк тилдүү этносторунун бийлиги Кыргыз каганатынын соңу менен аякталаары аныкталган.

В. В. Бартольд «IX–X кк. Кыргыз Улуу державасы» деген аталышты тарых илимине тартуулоо менен катар, анын саясий, коомдук-экономикалык жактан калыптаныш себептерин аныктоого аракет кылган.

Асыресе, бул мезгилге карата кыргызтаануу илими боюнча жазма булактардын жетишсиз изилдениши жана археологиялык материалдардын так классификацияланбагандыгы, кыргыздардын этносаясий тарыхын тактоого жолтоо болгондугу байкалат. Ошондуктан, В. В. Бартольд кыргыздардын баштапкы мекени Батыш Монголиядагы Кыргыз-нор көлү болушу мүмкүн деген оюн айткан (Бартольд, 1963: 477).

В.В. Бартольд кыргыздарды түрк тектүү этностор арасына кошкон эмес. Окумуштуунун оюна караганда, алар кийин барып түрктөшкөн калк болгон (Бартольд, 1968: 42). Академик Бартольд енисейлик кыргыздардын Ала Тоо жер которгондугун жактаган окумуштуулардын алдыңкы катарында турат жана ал көз карашын жазма булак маалыматтары менен далилдөөгө аракет жасаган илимпоз эсептелет (Бартольд, 1963; 1963б; 1968; 1968а; 1968б).

В. В. Бартольддун «Современное состояние и ближайшие задачи изучения истории турецких народностей» макаласында, академик кыргыздар башында Енисейдин баштапкы агымында жашагандыгын, кийин алар акырындык менен азыркы Жетисуу өрөөнүнө жылгандыгын айткан. Окумуштуу бул тарыхый акт кыргыздардын 840жылы уйгурларды жеңген окуясы менен байланыштырат. Ошондой эле, биринчи жолу түрк тилдүү калктар арасынан чапкын батыштан чыгышты карай эмес, тескерисинче чыгыштан батышты карай жасалгандыгын белгилеген (456–458) (Бартольд, 1968: 454–465).

Кыргыздардын орто кылымдардагы тарыхынын археологиялык жактан иликтөөгө алына баштаган этабы ХХ  к. 30-жылдарына туш келет. С. А. Теплоуховдун 1929-ж. Түштүк Сибирдин археологиялык маданиятын классификациялап чыгышы жалаң орто кылымдардын эрте мезгили эмес, Сибирь аймагындагы байыркы доордон башат алган маданий өрнөктөрдү сыпаттоого мүмкүнчүлүк ачып берген. Анын натыйжасында, кыргыз көрүстөндөрү чаа-тас, «алтай түрктөрү», монголдорго чейинки жана монгол мезгилиндеги деген төрт баскычка бөлүнгөн (Теплоухов, 1929: 54–58).

С. А. Теплоуховдун классификациялоосу советтик археологдор тарабынан дээрлик кабыл алынып, ага ылайык енисейлик кыргыздардын түпкүлүктүү этномаданий очогу Таштык маданиятына чегерилген. Мындай жаңылыш жоромол кыргыздардын баштапкы мекенин Минусин өрөөнүнө жана Батыш Монголияга жайгаштырууга өбөлгө түзүп бергени байкалат.

Алсак, С. В. Киселев жана Л. Р. Кызласовдор бул классификациялоонун негизинде, байыркы кыргыздардын Моадунь шаньюй (б. з. ч. 203–201) жана Чжичжи шаньюй (б.з.ч. 48–47) мезгилинде эле, Батыш Монголиядан Түштүк Сибирге жер которгондугун далилдөөгө аракеттенишкен (Киселев, 1947; 1951; 1951а; Кызласов, 1959; 1969).

Ал эми Таштык маданияты менен кыргыз чаатастары ортосундагы салттуу жакындыкты байкашкан Л. А. Евтюхова жана М. П. Грязнов сыяктуу археологдор енисейлик кыргыздардын Түштүк Сибирь аймагында түпкүлүктүү калк экендигине басым жасашкан (Евтюхова, 1948; 1952; Грязнов, 1979).

Кыргыздардын эрте орто кылымдар мезгилиндеги тарыхын изилдөө жагдайы ленинграддык илимпоз, чыгыштаануучу А. Н. Бернштамдын археологиялык иликтөөлөрү аркылуу жаңы деңгээлге көтөрүлгөн (Кожобеков, 1988; 1990; 1995).

Убагында А. Н. Бернштам кыргыз элинин этногенетикалык, этномаданий тарыхын жазма маданият даректери менен археологиялык табылгаларды айкалыштырып изилдөөгө аракет жасаган алгачкы илимпоздордун бири эсептелинет. Ошол эле, А. Н. Бернштамдын кыргыздардын байыркы мекенине байланышкан көз карашында калпыстык жайлар да жок эмес. Алсак, окумуштуунун кытай булактарына таянып, байыркы кыргыздардын мекенин Ала Тоо аймагына жайгаштыруусу, Н. А. Аристовдун бул маселеге байланышкан пикирин жандандырганы байкалат. Ошол эле кезде, түйүндүү проблема алкагында ал, С. А. Теплоуховдун Түштүк Сибирдеги кыргыз маданиятынын башаты Таштык маданиятынан башталат деген аныктамасынан чыга албай, аларды Батыш же алатоолук кыргыздар жана енисейлик кыргыздар деп, эки топко бөлгөн (Бернштам, 1942; 1942а; 1946 ж.б.).

Арийне, А.Н. Бернштам енисейлик кыргыздардын Теңир Тоого VIII–X кылымдарда көчүп келишин туруктуу жактаган жана ал илимий жоромолду археологиялык табылгалар менен далилдөөгө аракет жасаган окумуштуулардын ири алдында турат (Бернштам, 1955; 1956).

Кыргыздардын орто кылымдар мезгилиндеги тарыхы С. М. Абрамзондун этнографиялык изилдөөлөрү менен жаңы деңгээлге көтөрүлө алды. Ошол эле кезде, окумуштуунун енисейлик кыргыздардын, алатоолук кыргыздардын түптөлүшүнө катышкандыгын кабыл алышы менен кайра тескерисинче алардын ортосундагы түз этногенетикалык байланышты жокко чыгарыш жагдайы, айтылуу окумуштуунун бул олуттуу маселе боюнча көз карашынын туруктуу эмес экендигин көрсөтөт (Абрамзон, 1959; 1963; 1971).

Асыресе, Ала Тоодо калыптанган кыргыз элинин катарына жергиликтүү жана Борбор Азиялык түрк тектүү этностордун кошулганын кабыл алуу менен, С. М. Абрамзон жактаган айрым жоболордун калпыс жактарын белгилей кетүү абзел. С. М. Абрамзондун пикири боюнча Чыгыш Теңир Тоодогу кыргыз этносунун калыптанышына «кыргыз» этнониминин гана катышы болгон. Тактап айтканда, «кыргыз» этноними тектеш элдерди саясий жактан бириктире турган аталыш катары кабыл алынган (1959: 34-35). Ошондой эле, окумуштуу «уруу», «эл», «улут» түшүнүктөрү боюнча советтик салттуу методологияны колдонгондуктан, анын натыйжасы кыргыздардын этникалык тарыхын изилдөөдө жогорудагыдай бир жактуу жыйынтык чыгарууга жол бергендиги байкалат.

Арийне, «этнос», «этникалык», «этникалык жалпылык», «эл» сыяктуу этнологиялык түшүнүктөр XX к. 20жж. С.М. Широкогоров тарабынан көтөрүлүп, 1957-жылдан актуалдуу проблем советтик окумуштуулар С. Г. Левин жана Н. Н. Чебоксаров тарабынан көтөрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин дискуссия улантылып келет (Широкогоров, 1923; Левин, Чебоксаров, 1957; Крюков, 1988; Арутюнов, 1988 ж.б.). Талкууга катышкан окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү марксисттик-лениндик «эл» жана «улут» аталыштарынын ордуна «этнос» түшүнүгүн кабыл алып, ага таандык болгон үч белгини сунуш кылышат. Алар өздүк этникалык аң сезимдин калыптанышы, этникалык аталыш жана этникалык эндогамиянын сакталышы (Крюков, 1988а).

Асыресе, сунуш кылынган илимий жоромол бир ары оригиналдуу жөнөкөйлүгү, терминологиялык учкайлыгы менен айырмаланса, экинчиден узак жылдарга созулган илимий талаштын, талкуунун жыйынтыгы болду окшойт. Ошондуктан кыргыздардын этногенезин жана этникалык тарыхын изилдөөдө марксисттик догмалардан баш тартып, реалдуу жана чыныгы тарыхый окуяны толук чагылдырган, ошондой эле проблема алкагын жалпы камтый турган илимий жоболорго таянган жөндүү.

Арийне, тарыхты саясий кызыкчылыкта одоно бурмалоо өнөкөтү совет мезгилинде кадыресе колдонулуп келген өкүнүчтүү көрүнүштөрдүн бири болгон. Москвалык окумуштуу Л. Р. Кызласов XX к. 60-жж. аягынан баштап орус жана европа тилдерине которулуп кабыл алынган кытай иероглифиндеги «кыргыз» этнонимин бурмалап «хакас» деп окуп, тарых илиминде жосунсуз жорук баштаган. Анын пикири боюнча, кыргыз-гяньгундар «Хакас» мамлекетинин ак сөөктөр табын түзгөн аз сандагы гана катмары, ал эми мамлекеттин элин же көпчүлүгүн же негизги өндүрүшчүлөр катмарын «хакастар» курган. Л.Р. Кызласовдун илимий теорияга сыйбас жаңылыш көз карашын кийинки эмгектеринде да улантылып (Кызласов, 1968; 1969; 1971; 1984 ж.б.), анын жолун улаган И.Л. Кызласов «мураскери» тарабынан марксисттик-лениндик теорияга тушталган маселени, тюркологиялык өңүткө багыттоого аракет жасаган (Кызласов, 1992; 1992а).

Л.Р. Кызласов менен И. Л. Кызласовдордун жасалма «хакас» аталышын калыптандыруу, ошондой эле жаңылыш ыкма менен болсо да аны тарых илимине күчтөп орун алгызуу аракети белгилүү синолог С. Е. Яхонтов (1970; 1991; 1992; 2001), арабист Ө. К. Караев (1970; 1972), тарыхчы Н. А. Сердобов (1971; 1971а), археолог Ю.С.Худяков (1986; 1995; 2000), Чороев (1987), Крюков (1988), Вайнштейн (1989), Кляшторный (1992), Бутанаев (1992) сыяктуу илим адистери тарабынан көрсөтүлүп, олуттуу проблема ар кайсыл илим тармактары тарабынан талданган.

Кыргызтаануу илими 1970–90-жж. археологиялык жана булак таануу багытында жазылган илимий эмгектер менен толукталып, ал арабист Ө. К. Караев (1968; 1973; 1989) жана археолог Ю.С. Худяковдордун (1980; 1982; 1995) жигердүү эмгектери менен жаңы илимий деңгээлге көтөрүлө алды.

Илимий багыттын интеграциялык мүнөзүнө жараша кыргыздардын маданиятын изилдөө тармактары кеңейген. Кыргаздардын орто кылымдардын эрте мезгилиндеги маданиятын изилдөөдө айрыкча археология илими кылай ийгиликтерге жетише алды. Кыргыздардын этномаданий кубулуштарын иликтөө боюнча Сибирь археологиясында өз алдынча илимий борборлор пайда болгон. Кыргыз каганатынын саясий жана экономикалык зоболосунун кульминациялык өнүгүү этабында жайылган цивилизациялык өрнөктөрдү изилдөө багытында А. Д. Грач (1966; 1968; 1980; 1998) Д. Г. Савинов (1972; 1973; 1977; 1978; 1980; 1984; 1988; 1989; 1989а: 1989б; 1989а; 1990; 1994; 1995; 1996; 2005; 2007; 2008; ), Г. В. Длужневская (1974; 1978; 1982; 1982а; 1982б; 1985; 1990; 1990а; 1992; 1994; 1996; 1998; 2000; Длужневская, Семенов, 1990), О. А. Митько (1991; 1992; 1994; 1995; 2013; 2014; 2014а) В.А. Могильников (1989), Ю. И. Трифонов (1987; 1989), Ф.Х. Арсланова (1963; 1968; 1972, Арсланова, Кляшторный, 1972), Скобелев (1990; 2013; 2014; 2014а), Ю.П. Алехин (1990), О. Б. Беликова (1991; 1996), А. М. Илюшин (1990), Р.В. Николаев (1972; 1992), сыяктуу окумуштуулар проблеманын локалдык варианттарын белгилөөгө олуттуу салым кошушкан.

Бул жылдары кыргызстандык окумуштуулар да кыргыз калкынын эрте ортокылымдар мезгилиндеги тарыхын изилдешип, көп кырдуу теманын актуалдуу проблемаларын ачууда салым кошушкан. И. Б. Молдобаев (1985; 1989; 1989а; 1995), Т. К. Чороев (), К. И. Петров (1963; 1964), В. М. Плоских (Плоских, Мокрынин, 1992; Койчуев, Мокрынин., Плоских, 1994), В. П. Мокрынин (Плоских, Мокрынин, 1992; Койчуев, Мокрынин., Плоских, 1994), А. М, Мокеев (1984; 1995; 2015; Кляшторный, Мокеев, Мокрынин, 1988: 42-44), К. Ш. Табалдиев (1990; 1995; 1995а; 2001), Э. Ж. Маанаев (2008), Ж.С. Бактыгулов (1988; 1996), А.А. Асанканов (2010), О. К. Каратаев (1994; 1998; 2003; 2013), Т. И. Асанов (), Р. Ж. Жолдошев (2001) сыяктуу окумуштуулар кыргыздардын этногенез жана этникалык проблемалар боюнча изилдөөлөрүн жасап келишет.

Кыргыз тарыхынын орчундуу проблемаларынын аныкталышы жана ал маселелер боюнча алектенген окумуштуулардын көз караштарынын белгилениш өңүтүнө академиялык изилдөөлөр менен илимий конференциялар айрыкча салым кошкон. Кыргызстандын Илимдер Академиясы тарабынан аткарылган «История Киргизской ССР» академиялык көп томдук 1956 (История Киргизии, 1956), 1968 (История Киргизской ССР, 1968), 1984-жылдары (История Киргизской ССР, 1984) жарыяланып, ар кайсыл убакта жарык көргөн эмгектерде кыргыздардын этногенез жана этникалык тарыхынын проблемаларына ар башкача мамиле жасалганы байкалат. Анын негизги себеби, кыргыздардын этногенез жана этникалык тарыхына арналган бөлүктөрдү бул проблемага ар башкача мамиле жасаган авторлор коллективине байланышкан. Биринчи жолу жарыяланган «История Киргизии, 1956» чыгармасынын кыргыздардын этногенез жана этникалык тарыхына арналган бөлүгүн А. Н. Бернштам даярдаган.

«История Киргизской ССР, 1968» эмгектин аталган проблема боюнча главасын Б. Юнусалиев, К. И. Петровдордун калеминен чыккан.

Совет мезгилиндеги акыркы академиялык изилдөөн үн ушул проблемага арналган бөлүгүн С. Г. Кляшторный, В.М. Плоских, А.М. Мокеев, В.П. Мокрыниндер жазышкан.

Кыргыздардын этногенез, этникалык жана этномаданий, этнолингвистикалык тарыхын тактоодо, ошондой эле кийинки илимий изилдөө багытын аныктоодо Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында 1956-жылы өткөн илимий симпозиум айрыкча жагымдуу жагдай жараткан. Илимий жыйынга тарых, этнография, булактаануу, антропология, лингвистика, фольклористика багыты менен шугулданган адистер катышып, алардын илимий изилдөөлөрү жалаң эле симпозиум алкагында угулуу менен чектелбестен, анын натыйжалары кийинки жарык көргөн эмгектерде улантылып келет (ТКАЭЭ, 1956; МИКК, 1973;МИКК, 2002; МИКК, 2003)

Биринчи чакырылган илимий симпозиумга Г. Ф. Дебец, Н. Н. Миклашевская, В. П. Алексеев, В. В. Гинзбург жана Л. В. Ошанин сыяктуу көрүнүктүү илимпоздор катышышып, енисейлик жана алатоолук кыргыздар ортосундагы антропологиялык жакындыкты табышы, алардын эрте орто кылымдар мезгилиндеги бир тектен чыккандыгы туурасындагы тарыхый жоромолду далилдөөгө мүмкүнчүлүк ачкан (ТКАЭЭ, 1959).

Таанымал тилчи Б. М. Юнусалиевдин илимий симпозиумда жасаган билдирүүсүндө азыркы кыргыз тилинин енисейлик кыргыз чөйрөсүндө түптөлүп, алтай диалектиси менен тыкыз алакада калыптангандыгын тастыктаган. Бул ой кийинки изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде колдоого алынган.

С.Е. Малов, И.А. Батманов, З.Б. Арагачи, Г.Ф. Бабушкин, Э.Р. Тенишев сыяктуу белгилүү тюркологдор енисейлик кыргыздар менен азыркы кыргыз тилинин тектик жакындыгын белгилеши кыргыздардын орто кылымдар мезгилиндеги этникалык тарыхын тактоого зор салым кошушкан.

Кыргыздардын этногенез жана этникалык тарыхы боюнча Советтик мезгилде көтөрүлгөн проблема кийин улантылып, «Кыргызы: Этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии» аталган кийинки эл аралык конференция 1994жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Конференцияда кыргыздардын орто кылымдардагы этногенетикалык, этномаданий тарыхына байланышкан олуттуу проблемалар тегерегинде пикир алмашуу жүргөн. Конференциядагы талкуу көрсөткөндөй, кыргыз элинин этногенез маселеси, этникалык тарыхы боюнча эки башка илимий көз караш бар экендиги аныкталды.

Биринчи көз караш боюнча, башында Чыгыш Түркстан аймагында жашаган кыргыздар б.з. ҮҮҮ–ҮV к.к. тогошунда алар Түштүк Сибирге жер которушкан. Мында алар мамлекет түптөшүп, Улуу Кыргыз державасы мезгилиндеги согуш аракеттеринин натыйжасында, кыргыз этносунун бир бөлүгү Чыгыш Түркстанга көчүп келишкен. Андан кийинки каракытай, монгол жана ойрот мезгилинде Чыгыш Түркстанга жер которгон кыргыздардын эсебинен алардын саны көбөйүп, азыркы кыргыз элинин куралышына өбөлгө түзүлгөн (Ө. К. Караев, Ю. С. Худяков, И. Б. Молдобаев, В. Я. Бутанаев, Т. К. Чороев, Т. О. Бейшеналиев).

Экинчи көз караштын өкүлдөрү Улуу державалык мезгилде кыргыздарга баш ийген Алтайдагы кыштымдар, жергиликтүү кимактар менен жуурулушуп, алар XV к. Иртыштан азыркы Кыргызстанга жер которушкан (А. М. Мокеев, В. П. Мокрынин, В. М. Плоских).

КЫРГЫЗДАРДЫН ОРТО КЫЛЫМДАГЫ ТАРЫХЫ БОЮНЧА БУЛАКТАР

Кытай булактары

Дүйнөлүк тарыхтын кызыктуу бир доору эсептелген орто кылымдардын эрте мезгилиндеги кыргыздардын тарыхы боюнча кытай тилинде көп сандаган булактар бар. Алар Борбордук Азиядагы кыргыз калкынын тарыхы туурасында изилдөөчүгө кеңири материал менен эле камсыздабастан, кыргыздар жана алар менен канатташ жашаган калктар жөнүндөгү араб жана перс авторлорунун маалыматтарын толуктайт. Мусулман авторлору аталган мезгил кыргыздардын Чыгыш Түркстан менен байланышкан мезгилин камтыса, кытай булактарынын артыкчылыгы, ал байыркы убактан баштап монгол басып алуусуна чейинки доорлор боюнча дээрлик үзгүлтүксүз кабар берет.

Кыргыздардын баштапкы мекени туурасындагы кабар Бань Гунун «Цянь Хань шу» жана Юй Хуан тарабынан жазылган «Вэй-люэ» чыгармаларында чагылдырылат. Жазма булак маалыматтарында келтирилген көп координаттуу кабарларга карап окумуштуулар кыргыздарды Борбордук Азиянын ар кайсыл аймагына жайгаштырып келишет. Акыркы булакта кыргыздар Канцзюйдун түндүк-батышында жайгаштырылып, тандалма аскери 30 миң адам жана ал өлкөдө арбын киш менен мыкты жылкылар бар экендиги белгиленет.

Кыргыздардын этногенез маселесине байланышкан кийинки маалымат түрмөгү кытайдын «Чжоу шу», «Суй шу» жана «Бэй ши» аталган династиялык тарыхнаамаларында кездешет. «Суй шу» жана «Бэй ши» булактарында кыргыздар телэ уруу конфедерациясынын катарында Чыгыш Түркстан аймагында жайгаштырылат. Жазма булак маалыматына караганда, «телэлердин ата-бабалары сюннулар. Уруулары аябагандай арбын. Чыгышында Батыш деңизден баштап, тоолор менен түздүктөрдө баардыгында (жашашат). Жалгыз гана Ло өзөнүнүн түндүгүндө пугу, тунло, вайхэ, баегу, фуло… Иунун батышында, Яньцинин түндүгүндө, Байшандын айланасында циби, боло, чжилер, де, субо, нагэ, уху, хэгу, едеу, ниху жана башкалар бар».

Кыргыз этноними телэ уруу конфедерациясынын катарында хэгу формасында катталган. Суй династиясынын тарыхында кыргыздар жашаган аймак катары Чыгыш Түркстан көрсөтүлөт. Ал эми «Вэй шу» булагында болсо, кыргыздар сяньбилердин бир уруусуна баш ийгендиги белгиленет.

«Чжоу шу» менен «Бэй ши» булактарында кыргыздардын прототюрк этногенезине катышы катталган. «Чжоу шу» булагы Тан династиясынын убагында Линху Дэфэндин редакциясы боюнча даярдалган. Династиялык тарыхта кыргыз этноними цигу формасында эскерилип, алардын Афу-шуй жана Цзянь-шуй аймагын ээлегендиги кабарланат.

«Бэй ши» булагында Түрк каганатынын кыргыздарга жасаган кысымы жана акыркылардын өч алууну самаган көксөөсү туурасында маалымат камтылат.

Кийинки «Тун Дянь» аталган кытай булагы II к. жашаган Ду Ю тарабынан даярдалган. Анда кыргыздардын коңшулары менен болгон мамилеси менен алардын антропологиялык өзгөчөлүгү белгиленет.

Тан адабиятчысы Дуань Чэншинин калеминен жаралган «Юан цза цзу» булагы IX к. экинчи жарымында жазылган. Булакта кыргыздардын тегине байланышкан кызыктуу маалымат учурайт.

Кыргыз калкынын чарбалык өндүрүшүнүн бир багытына арналган маалымат түрмөгү кытай автору Ван Пу тарабынан даярдалган «Танхуйяо» булагында чагылдырылат. Анда кыргыздардын жылкылары жана кыргыз тамгасы туурасында маалымат келтирилет.

Кытай мамлекетинин бир канча сарай кызматкерлери тарабынан даярдалган эмгек «Тан шу» аталган. Сун императору Жэнь-цзун анда орун алган каталар туурасында билген соң, Тан династиясынын дагы бир такталган тарыхын даярдоого буйрук берген. Жаңы тарыхый эмгекти Оуян Сю менен Сун Ци жазып, эски Тан династиясынын тарыхынан (Цзю Тан шу) ажыратыш үчүн ага «Синь Тан шу» (Тан династиясынын жаңы тарыхы) деген аталыш ыйгарылган.

«Тан шу» синолог Н. Я. Бичурин тарабынан которулуп, ал кыргыз тарыхы менен шугулданган адистердин негизги колдонгон булагы болуп келет. Н. Я. Бичуриндин котормосунда кетирилген кемчиликтер өз маалында Н. В. Кюнер, В. С. Таскин сыяктуу синологдор тарабынан көрсөтүлүп, анын жаңы редакциясы сунуш кылынган.

«Цзю Тан шу» булагы Лю Сюй башында турган комиссия тарабынан X к. орто ченинде жазылган. Жазма булакта IX к. жарымындагы кыргыздар менен уйгурлар ортосундагы каршылаштык туурасында кенен маалымат келтирилет. Кыргыздардын уйгурларды талкалашы жана Тан династиясынын бул окуяга карата мамилеси башка булактарга салыштырмалуу ачык чагылдырылат.

«Син Тан шу» булагы XI к. биринчи жарымында даярдалган. Кытай булагында кыргыздардын байыркы мекенинен баштап, алардын чарбалык ишкердүүлүгү, коомдук түзүлүшү туурасында жеткиликтүү маалымат камтылат. Мындан тышкары, кыргыздардын саясий тарыхы жана жакынкы коңшулар менен мамилеси чагылдырылат. Кытай булагындагы кыргыздардын этнографиясы жана диний ишенимдери туурасындагы фактылар алмашкыс материалдардын катарына кирет.

«Тайпин хуаньюй цзи» булагы Юэ Ши тарабынан Сун династиясынын убагында даярдалган. Энциклопедиялык чыгармада кыргыз этнониминин кытай булактарында катталган формаларынан баштап, алар жашаган аймак жана кыргыздардын антропологиялык өзгөчөлүгү чагылдырылат. Ошондой эле, кыргыздардын саясий тарыхына байланышкан кызыктуу маалымат топтому катталган. Жазма булактагы чарбалык жана этнографияга байланышкан маалыматтар кыргыздардын тарыхын изилдөөгө көмөк көрсөтөөрү бышык.

Се Цзюйчжэн тарабынан түзүлгөн «Цзю удай ши» жана Оуян Сяо жазган «Синь удай ши» булактарында кыргыздардын уйгурларга кол салуусу туурасында маалымат катталат.

Кыргыз аталышына байланышкан кызыктуу маалымат, Ван Циньжо менен Ян И башында турган комиссия тарабынан даярдалган «Цэфу Юань гуй» булагында чагылдырылат.

Кыргыздардын Улуу державалык мезгилиндеги тышкы саясаты туурасындагы олуттуу маалымат «Ли Вэй-гун хуйчан ипинь цзи» камтылган. Чыгарма Тан династиясынын айтылуу министри Ли Дэ-юй тарабынан жазылып, ал IX к. орто чениндеги Кыргыз мамлекетинин дипломатиясынан толук кабар берет. Кыргыз мамлекети уйгур каганатын талкалагандан кийинки көчмөн талаадагы саясий кырдаал, кыргыз-уйгур мамилелери Ли Дэ-юйдун эмгегинде кылдаттык менен белгиленген. Ли Дэ-юй Кытай мамлекетинин кыргыздар менен болгон саясий-дипломатиялык мамилесинин башатынан тарта, кыргыздардын уйгурлар менен алакасын кең кесири кабарлайт. Ошондой эле, Тан династиясынын көчмөн талаадагы геосаясий кырдаалга карата болгон саясий позициясы белгиленген.

Кыргыздардын Улуу державалык мезгилиндеги басып алуу саясаты туурасындагы маалымат Сыма Гуандын редакциясы менен жазылган «Цзычжи тунцзянь» булагында кабарланат. Жазма булак маалыматына караганда, кыргыздар Уйгур мамлекетине көчүп келип, Аньси, Бэйтин, дада жана башка урууларды баш ийдиришкен. Акыркы маалымат туурасындагы кабар «Сыма гуань цзьчжи тунцзянь» жана «Суэй – чан ипинь цзи» булактарында жазылып, ал кыргыздардын Чыгыш Түркстан аймагына келгендигин ырастайт.

Кыргыздардын Уйгур каганатын талкалап, алардын эски территориясына көчүп келгендиги туурасындагы кабар «Ли сюй Цзю Тан шу» булагындагы кабар менен толукталган. Булакта көчмөн талаада жаралган кырдаалга карата Тан династиясынын саясатын аныктоо маселеси көтөрүлгөн.

Кыргыз калкынын бома, басими, курыкан сыяктуу жакынкы коңшулары менен болгон мамилеси «Синь Тан шу», «Туг дянь» сыяктуу кытай булактарында кабарланат.

Ляо династиясынын официалдуу тарыхы эсептелген «Ляо ши» жана Сун династиясынын хроникасы саналган «Сун ши» булактарында кыргыздар менен кидандар жана Чыгыш Түркстанга жер которгон кыргыздардын Гаочан мамлекети ортосундагы мамиле чагылдырылат.

Кыргыздардын этникалык тарыхына тиешелүү маалымат Дуньхуанда табылган буддалык тексттерде кабарланат. П. Пельо жана А. Стейндин фонддорундагы материалдарда кыргыздардын уйгур жана тибеттиктер менен болгон алакасы туурасында кабар камтылат.

Сунн Лянь жана Ван Вэй башында турган комитет тарабынан даярдалган «Юань ши» булагында монгол мезгилиндеги саясий окуялар кабарланат. «Юань ши» булагындагы кыргыздардын тегине байланышкан тарыхый уламыш кыргызтаануу темасына кайрылган окумуштуулардын көңүлүн буруп келген.

Булакта монгол мезгилиндеги кыргыздардын мекени жана алардын саясий бийлик түзүлүшү туурасында баалуу маалымат айтылат. Мындан тышкары, Хубилай менен Хайду тарабынан күчтөп көчүрүлгөн кыргыздардын тобу жөнүндөгү кабар кыргызтаануудагы айрым проблемаларды чечүүгө көмөктөшөөрү шексиз.

Енисей–Орхон руникалык эстеликтери

Кыргыздардын тарыхына байланышкан руникалык эстеликтер корпусу жалпы жонунан Енисей жана Орхон жазуулары деп бөлүнөт. Енисей дарыясынын боюндагы эстеликтер биринчи жолу Д. Г. Мессершмидт тарабынан ачылып, Тувадагы руникалык жазуу Ф. И. Страленберг менен чогуу каттоого алынган. Хакассия аймагындагы руникалык эстеликтердин изилдениши жана жарыяланышы Г. И. Спасский, андан кийин М. А. Кастрен тарабынан Уйбатта табылган жазуу таштары болгон. Хакассия аймагында орун алган эстеликтер XIX к. экинчи жарымында ачылып, андан соң руникалык жазуулар корпусу Тува жергесинде табыла баштаган. Жаңы ачылган руникалык жазуулардын түрү жалаң эле ташка чегилген эстеликтер менен чектелбестен, тыйын жана үй буюмдарында орун алган жазуулар алардын чарбалык мүнөздүү мазмунун кеңейткен. Енисейдеги руникалык эстеликтердин андан ары ачылышына Г. Н. Потаниндин, А. В. Адриановдун жана ифн экспедициясын жетектеген И. Аспелиндин, ошондой эле А. Гейкель менен Д. А. Клеменцтин салымы чоң. Улам саны арбыган эстеликтерди сакташ үчүн XIX к. соңунда Минусинск музейи ачылган. Музей жалаң жазуу эстеликтердин топтолушуна эле эмес, алардын илимий жактан изилдөөгө алынышына салым кошкон. Фин экспедициясынын руникалык эстеликтердин эстампаждары менен сүрөттөрүн жарыялашы, жазууларга байланыштуу изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүнө жол ачкан. П. М. Мелиоранский, В. Томсен Х. Н. Оркун жана С.Е. Маловдор XX к. биринчи жарымында Енисей жазууларын окушуп, анын жыйынтыгы менен илим дүйнөсүн тааныштырышкан. Енисей руникалык эстеликтеринин андан кийинки изилденишине А. Н. Самойлович, Л.А. Евтюхова, С.В. Киселёв, Э.Р. Рыгдылон, Ю.Л. Аранчын, А. Н. Бернштам,

Л. Базен, З.Б. Арагачы, А.М. Щербак, И.А. Батманов, А.К. Боровков, Д. М. Насилов, Э. Р. Тенишев, Л.Р. Кызласов, С.Г. Кляшторный, Д. Д. Васильев, В. Я. Бутанаев, И.Л. Кызласов, О.Ф. Серткая сыяктуу тюркологдор олуттуу салым кошушкан.

Енисей руникалык эстеликтеринин альбом катары басылып чыгарылышы И. А. Батманов менен А. Ч. Куна, Д.Д. Васильевдин ишмердүүлүгүнө байланышкан. Кийинки мезгилде Енисей эстеликтерине байланышкан олуттуу изилдөө И. В. Кормушин тарабынан жүргүзүлүп келет.

Енисей руникалык жазуулары Түштүк Сибирь жана Тува аймагында орун алып алардын жалпы саны жүздөн ашат. Жазуулар негизинен жумуру жана түз кырдуу кумдуу таш же гранитке чегилип, алар жерге тикесинен орнотулган. Аз сандуу жазуулар тыйын жана темир күзгүлөргө, курдун кемерине, ийиктин темирчесине, алтын менен күмүш идиштерде кездешет жана алардын таралыш аймагы менен кыргыздардын орун алган территориясын салыштыруу аркылуу, ал жазууларды байыркы кыргыздарга таандык деп эсептелген.

Орхон жазуулары Түрк жана Уйгур каганаттары мезгилинде жазылган жана андагы маалыматтар көчмөн талаадагы саясий кырдаалды калыбына келтирүүдө маанилүү роль ойнойт.

Орхон эстеликтери Түндүк Монголияда орун алып, Түрк каганатынын этносаясий тарыхын камтыйт. Кийин, уйгурлар 744-жылы Түрк каганатын талкалаган соң, алардын саясий тарыхы Орхон эстеликтеринин башка корпусунда чагылдырылат. Орхон эстеликтери негизинен Орхон, Тола жана Селенга дарыяларынын аралыгында орун алып, ал аймактан Бильге каган, Күл тегин (Кошо-цайдам эстеликтери), Тоньюукук, Онгин, Кули чур, Селенга Карабалгасун эстеликтери жана кыргыздарга тиешелүү Суджи жазуусу, ошондой эле Хойто-Тамир, Ихе-Асхет, Кентей жана Хангай менен Гобидеги майда жазуулары жайгашкан.

Монголиянын Кошо-Цайдам капчыгайындагы биринчи руникалык тексттерди 1889-жылы Н. М. Ядринцев ачкан. Андан кийин эстелик А. Гейкел жетектеген фин экспедициясы тарабынан 1890-жылы иликтенип, 1891жылы В. В. Радлов менен Н. М. Ядринцевдер аны кайрадан изилдөөгө алышкан. Эстеликтердин монументалдык формасы жана анда орун алган маалыматтар топтому окумуштуулардын көңүлүн бургузган.

Кыргыздардын коомдук абалы жана саясий тарыхына байланышкан кызыктуу маалымат Уйгур каганатына таандык Карабалгасун жазуусу (821-ж.)

Монголиядагы руникалык жазуулардын Суджи эстелигинен башкасын эске албаганда, алар Түрк жана Уйгур каганаттарыныкы эсептелет.

Орхон эстеликтеринин жанры жаралыш проблемасына жараша кыйла татаал келет. Эстеликтер Кытайдагы жазуулар сымак историографиялык мазмуну менен айырмаланат. Орхон жазууларында автордук жоопкерчилик орун алуу менен бирге, анда меморианттын биографиясы менен тарыхый кырдаалга баа берүү багыты байкалбай койбойт. Эстеликтердин эң баалуу функцияларынан бири – ал историографиялык мазмун эсептелет. Автор анда, эстелик каарманы менен тарыхый персонаждар жасаган конкреттүү ишмердүүлүктү тизмектей каттайт. Балким, андагы маалыматтык негиз ооздон-озго айтылып келген уламыштык аңыз кептер менен санжыралык мазмундагы уламыштар болушу толук ыктымал.

Кыргыздардын тарыхына байланышы бар руникалык жазма эстеликтеринин ареалы Талас, Кочкор, Алтай жана Байкалга чейинки аймактарга тараган. Таластагы жазуулар В. Томсен, Ю. Немет, В. В, Радлов, П.М. Мелиоранский, С. Е. Малов, И.А. Батманов жана Ч.Ж. Жумагулов, С. Е. Кляшторный жана К. Ш. Табалдиевдер тарабынан изилденип, аларда орун алган маалыматтар тегерегинде олуттуу ойлор айтылган. Айрым окумуштуулар Талас жазууларынын орхон менен енисейлик тексттерден графикалык жана орфографиялык жактан айырмачылыгы бар экендигин белгилөө менен бирге, талас менен енисейлик тексттердин жакындыгына көңүл бурушкан.

Алтайдагы руникалык жазуулардын саны жүздөн ашып, алардын графикасы менен орфографиясы енисейлик тексттерге айрыкча жакын саналат.

Орхон жазууларынын чечмелениши адегенде, руникалык жазуу менен бирге кытай иероглифинде чегилген Кошо-Цайдам эстелигинин окулушу менен башталган. Окумуштуулар Кошо-Цайдам эстелигиндеги кытай тексттерин окушуп, алар жазуунун хронологиялык алкагын VҮҮҮ к. деп белгилешип, анын негизги каармандары бир туугандар Могилян менен Кюе – экендигин айткан.

Енисей–Орхон руникалык жазууларын адегенде дешифровкалаган даниялык айтылуу окумуштуу Вильгельм Томсен болгон. Ал 1893-жылдын 23-ноябрында енисейорхон жазууларынын ачкычын тапкан. Андан көп өтпөй айтылуу тюрколог В. В. Радлов 1894-жылдын январь айында Илимдер Академиясына руникалык жазуулардын баштапкы окулушун сунуш кылган.

Кийинки Н. М. Ядринцевдин, Д. А. Клеменцтин, П. М. Мелиоранскийдин жаңы руникалык эстеликтер корпусун ачышы, ошондой эле В. В. Радловдун Монголиядагы руникалык эстеликтерди жарыялашы орто кылымдар мезгилиндеги көчмөн талаадагы этносаясий кырдаалды калыбына келтирүүгө көмөк кошкон.

Байыркы руникалык эстеликтердин ачылышы жана алардын окулуш багытында финно-угордук коом айрыкча салым кошкон. Гельсингфорстогу (Хельсинки) В. Томсен, О. Доннер, А. Гейкел, Г. И. Рамстедтин изилдөөлөрүнүн жарыяланышы жана финно-угордук коом тарабынан Борбордук Азияга уюштурулган экспедициялар руникалык жазуулардын ареалын кеңейткен.Тува аймагындагы енисей руникалык жазуу корпусунун табылышы Г.Н. Потаниндин экспедициялык иликтөө жыйынтыгына байланыштуу. Ал 1879-жылы Каа-Хем суусунун сол жээгинен жазуу таш эстелигин ачкан. Андан кийин бул аймакта А. В. Андрианов, Н. М. Ядринцев, И Аспелин, Д. А. Клеменц тарабынан руникалык жазуу эстеликтери ачылган.

Батыш тюркология илиминде да руникалык жазууларга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп, бул мезгилде О. Доннер, А. Гейкелдин изилдөөлөрү жарыяланган.

Енисей руникалык жазуулары.

Енисейдеги кыргыз маданиятынын өнүгүү туу чокусу катары руникалык эстеликтерди атоого толук негиз бар. Жазма маданияттын дүйнөлүк цивилизациясынын негизи саналаары жалпы илим коомчулугу тарабынан таанылган факт. Ошондуктан тарых илиминде адам баласынын өнүгүү эволюциясы жазууга чейинки жана жазуу мезгилиндеги деп экиге бөлүнөт. Жазуу пайда болгондон тарта адамзаттын жашоосу ирээттелет. Керектүү фактылар каттоого алынат. Маданий өрнөктөр жазылып, ал жалпы калктын мурасына айланат.

Енисейдеги кыргыздар колдонгон жазуу тамга (графема) системасына кирет жана ал жазуу маданиятынын өнүккөн формасы эсептелет. Енисей руникалык жазуу алфавитинде айрым окулушу татаал белгилерди эске албаганда, 39 тамга орун алган. Енисей жазуусу менен таанышкан окумуштуулар башында алардын германдык рундар менен болгон окшоштугуна карашып «руникалык», «рун мүнөздүү» деп аташкан. Мындай мамиле XVIII–XIX кк. арасында өкүм сүрүп, кийин ал «байыркы түрк руникалык жазуусу» жана «Орхон-Енисей руникалык жазуулары» деген аталышка алмаштырылган. Енисей жазуулары кыргыздар мамлекет курган аймакта пайда болуп, анын айрым үлгүлөрү Кыргыз каганатынын саясий таасири тараган аймакка жайылган. Советтик тюркологиянын шейхи аталган айтылуу тюрколог С. Е. Малов: «Академик В. В. Радлов жана проф. В. Томсен сыяктуу көрүнүктүү авторитеттерди улай, мен да Енисейлик эстеликтерди кыргыздарга тиешелүү эмес деп эсептебегенге негиз жок» деген оюн билдирген.

Енисей руникалык жазуусунун пайда болгон мезгили боюнча тюркология илиминде бир жактуу пикир жок. Кайчы көз караштарды жалпылаштырып, аларды төмөнкүдөй үч негизги топко бөлсөк болот: эрте, орто жана соңку.

  • эрте мезилди жактаган окумуштуулардын алдыңкы катарында В. Томсен менен П. М. Мелиоранскийлер турушат. Айтылуу тюркологдор Енисей жазууларынын орхондук эстеликтерге салыштырмалуу «талашсыз архаикалык мүнөзүнө» карап, аларды VI–VII кк. менен белгилешкен. С. Е. Малов болсо Енисейлик жазуу V–VI кк. арасында колдонулган деп эсептейт.

Руникалык жазуулар боюнча дискуссияга кийин аралашкан И. А. Батманов менен А. С. Аманжоловдор «Енисей менен Таластагы руникалык жазуулар Орхондогудан кеч пайда болду деген анчалык деле негиздүү эмес» көз караштарын билдиришкен. Эгер, Орхон эстеликтеринин жазылгандан баштап, орнотулган жылына чейин белгилүү болгон датасына караганда, И. А. Батманов менен А.С. Аманжоловдордун пикирлери, Енисей руникалык эстеликтеринин эрте доорго тиешелүү экендигин туюнткан биринчи топко кошулат.

  • топтогу көз карашты жактаган окумуштууларды жалпы жонунан шарттуу түрдө орто мезгил өкүлдөрү деп атасак болот. Руникалык эстеликтер корпусун биринчи жарыялаган жана алардын тактап окулушуна олуттуу салым кошкон айтылуу тюрколог В. В. Радлов Енисейдеги руникалык жазуулар VII жана VIII к. башталышында колдонулган деп эсептейт. Айрым Енисей руникалык эстеликтериндеги тарыхый окуялар VII жана VIIIк. чагылдыра тургандыгы С. Г. Кляшторныйдын изилдөөлөрүндө кенен талданган.
  • топтогу окумуштуулар жогорку айтылган авторлордун көз карашынан айырмаланып, энесайлык руникалык эстеликтердин кыйла кеч пайда болгондугун белгилешет. Мисалы, археолог Л. Р. Кызласов андагы тамга белгилеринин типологиялык анализине карап, енисейлик эстеликтерди IX к. экинчи жарымы менен X к. колдонулган деп эсептейт. Л. Р. Кызласовдун көз карашын Дж. Клоссон менен тюрколог А. Н. Кононовдор да колдошуп, алардын негизги массасы IX к. тиешелүү деп эсептешет.

Енисей руникалык жазуусунун пайда болуш маселеси окумуштууларды башынан кызыктырып келет. Руникалык эстеликтерин адегенде окуган В. Томсен ОрхонЕнисей жазуусунун семит-пехлевийлик алфавит менен жакындыгын, кийин болсо рун белгилеринин жыйырма үчү арамей тамгалары менен окшоштугун көрсөткөн. В.Томсендин 1922-жылы жазган катында руникалык менен согдиялык жазуулар ортосунда ачык жана олуттуу жакындык орун алгандыгын белгилеген. О. Доннер дагы В. Томсендин пикирине жакын ойду айтып, Енисейдеги руникалык жазуу системасы аршакид тыйындарында катталган арамей жазуусунун бир түрүнө окшоштурган.

Айрым окумуштуулар байыркы руникалык жазуулар тамга белгисинен пайда болгон деген көз карашты жакташат. Мисалы, Г.И. Спасский, М.А. Кастрен, Н.А. Аристов менен Н. Маллицкийдин пикирлерине караганда, байыркы рун жазуу системасынын башатында тамга белгилер турган.

Айрым окумуштуулар енисейлик эстеликтеринин авторлору жазууларды эскерүү-кошок салты менен айкалыштырууга аракет жасашкан. Енисей жазууларын изилдешкен окумуштуулар руникалык эстеликтерде салттык жана лирикалык фольклор табигый синтезделген. Жазуулардын эпитафиялык-ламентациялык катталышына жараша, анын салттык мүнөздөгү мазмуну артка сүрүлүп тексттердин функциясы өзгөргөн. Ал, өз кезинде енисей эстеликтеринин тексттик структурасына таасир тийгизген. Алсак, жазган автордун ким экендигинин грамматикалык, көлөмдүк жана тематикалык сыяктуу мазмундук жактан өзгөрүшүнө алып келген. Балким, ал Кыргыз каганатындагы тарыхый жана автордук тажрыйбанын али калыптанбагандыгынан улам болушу толук ыктымал.

Айрым окумуштуулар жогоруда айтылган эки көз карашты бириктирип, руникалык жазуу системасынын башатында арамейлик алфавит роль ойногондугун жана айрым белгилер тамгадан келип чыккандыгын белгилешкен.

Байыркы руникалык жазуунун пайда болушуна идеографикалык белгилердин таасир тийгизгендигин Е.Д. Поливанов, А. Габэн жана А. Эмре сыяктуу окумуштуулар жактаган. Байыркы руникалык жазуунун алфавиттик негизи катары согдиялык графема тургандыгын жактаган окумуштуулардын көз карашы кийинки мезгилде басымдуу роль ойной баштады. Мисалы, В. А. Лившиц Бугут эстелигиндеги согдиялык тексттин байыркы руникалык жазуу системасына жакындыгын далилдей алган. Окумуштуунун пикирине караганда, руникалык жазуу согдиялык эле эмес, согдиялык курсив жазуусунун келип чыккандыгын туруктуу жактап келет. Дж. Клосон болсо, согдиялык жана пехлевийлик жана бактриялык алфавиттен руникалык графема иштелип чыккандыгын далилдөөгө аракет жасаган.

Руникалык жазуунун таралыш географиясы туурасында илимде ар түркүн көз караштар айтылып келет. Алсак, айтылуу тарыхчы С. В. Киселев талас-енисей литеринин басымдуу көпчүлүгүндө арамейлик негиз тургандыгына көңүл бурган. Окумуштуу согдиялык жана хорезмдик жазуунун кийин чыгышка таралышын VI–VII кк. Жетисууну басып алган батыш түрктөр менен Хорезмдин басымдуу бөлүгүн ээлеген согдиялыктарга байланыштырган. Арамей алфавити түрк тилине ыңгайлаштырышы аталган аймакта жүрүп, руникалык жазуу Орто Азия аркылуу чыгышка тарагандыгын көрсөткөн. С. В. Киселевдун пикирине караганда, руникалык жазуу Жетисуудан Чыгыш Түркстандагы ягма уруусуна алынып келген. Ягмалардан ал карлуктарга, алардан енисейлик кыргыздарга тараган.

Руникалык жазуунун Жетисууда пайда болгондугу туурасындагы көз карашты А. М. Щербак да жактаган. Айтылуу тюрколог жазуу Талас аймагынын бир районунда жаралып, башка алфавитке өздөштүрүлүш же өзгөртүлүштүн натыйжасында, ал жерден чыгышка (орхондук, енисейлик жана башка жазуу түрлөрү) жана батышты (печенег рундары) карай эки башка тарапка жайылгандыгына көңүл бурган.

Енисей руникалык эстеликтери Түштүк Сибирь, Тыва менен Алтай Республикалары, Монголия, Чыгыш Түркс тан жана Тибет аймагына чейин таралган. Азыркы убакта Енисей руникалык эстеликтеринин 150 ашык үлгүлөрү табылып, алар илим айлампасына алынган.

Руникалык эстеликтердин таралыш ареалы Кыргыз каганатынын географиясына дал келет жана алар өлкөнүн саясий өнүгүү этаптарынын негизги көрсөткүчү эсептелинет. Руникалык эстеликтерде Кыргыз каганатынын ички саясий абалы, этникалык кырдаал жана коомдук мамилелер толук чагылдырылат. Адистердин белгилөөсүнө ылайык, Енисейдеги руникалык жазуулар сырткы таасирден эмес, ички керектөө муктаждыгынан жаралган. Енисейдеги руникалык эпиграфикалык эстеликтери төмөнкүдөй үч бөлүккө бөлүнөт: 1. Аска таштардагы жазуу. 2. Буюм бетиндеги жазуулар. 3. Бейит башындагы таш жазуулар (эпитафиялар).

Аска таш жазуулары Хакассиянын Сулек кыштагына жакын жерде жана Кара-Үс өрөөнүндө, ошондой эле Тепсей тоосунда орун алган. Мындан тышкары, Тыва Республикасындагы Хая-Ужу аскасында жана Мугур-Сарголдогу айтылуу петроглиф комплексинде руникалык жазуулар жайгашкан. Аска таш жазууларында карман жана анын ысмы, ишеним терминдери туурасында маалымат камтылат. Эгер, бейит башына коюлган таш жазууну сабаты ачылган же чала сабаттуу адам атайын отуруп даярдаса, аска таштагы белгилерди каарман өзү түшүргөн. Балким, ал элчилик сапарда же согуш жортуул маалында жасалышы ыктымал. Ошондуктан шартка ылайык, айрым учурда шашылыш же керектүү шаймандар жоктугуна байланыштуу тамгалар жакшы түшүрүлбөй, алардын сакталышы ойдогудай болгон эмес.

Буюм бетиндеги жазуулардын ишеним түшүнүккө ылайыкташтырылып даярдалганы байкалат. Байыркы мезгилден баштап эле адам баласында тигил дүйнө туурасында көз карашы пайда болгон. Өлгөн адамдын башка дүйнөдөгү жашоосун татыктуу камсыз кылуу максатында керектүү буюм-тайымдар менен жабдып узатышкан. Ал үчүн маркум менен кошо ат жабдыктарын, жоокердик курал-жарактарды жана керектүү деп эсептелген баалуу идиштерди коюшкан. Анткен менен алардын кыска мүнөздөгү жазылыш мазмуну археологиялык табылгалар коштоосунда гана баркы көтөрүлөт. Ошол эле убакта буюмдардын баалуулугуна жараша алардын товардык эквиваленти же сыйга берилген жөрөлгөсү руникалык жазуулар аркылуу аныкталат.

Мусулман жана европалык авторлордун кыргыздар туурасындагы маалыматтары

Кыргыз тарыхына байланышкан баалуу маалыматтардын кийинки түрмөгү мусулман авторлорунун калемине таандык. Араб Халифатынын активдүү тышкы саясатына байланыштуу билим адамдары белгисиз аймак жана анда жашаган калктар туурасында маалымат топтоого киришкен.

Борбордук Азиянын тарыхый географиялык абалына байланышкан маалымат IX к. тарта топтоло баштаган. Көчмөн талаадагы этникалык жана саясий кырдаалды калыбына келтирүүдө Тамим ибн Бахр Муттаваинин маалыматы маанилүү роль ойнойт. Тамим ибн Бахр IX к. биринчи жарымынын соңунда тогуз гуздарга чейин саякат жасап, мындагы калктар жана алардын ишенимдери туурасында баалуу маалымат топтогон. Саякатчынын эмгеги азыркы күнгө чейин жетпегени менен ал айткан аңгемелер ибн Хордадбех, Кудама ибн Джафар, автору белгисиз «Худуд ал Алам» булагында жана аль Идриси менен Йакуттун чыгармаларында сакталып калган.

Кыргыздар орун алган аймак туурасындагы маанилүү маалымат ибн Хордадбехтин чыгармасында орун алган. Ибн Хордадбех IX к. 40-жж. соңунда почта жана кабарлоо кызматынын начальниги катары Борбордук Азиядагы калктар туурасында ишенимдүү маалымат жыйнаган. Ал араб географтары арасынан биринчи болуп кыргыздарды тогуздардын коңшулары экендигин белгилеген. Ибн Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» чыгармасында кыргыздарга коңшу жашаган калктардын этнографиясы боюнча баалуу маалымат берилет.

Хамадан шаарында жарык дүйнөгө келген ибн ал-Факих «Китаб ал-булдан» аттуу чыгармасын 902–903-жж. жазган. Ибн Хордадбех сыяктуу эле Факихтин эмгегинде да түрк тилдүү калктардын катарында кыргыздар эскерилет. Окумуштуу адистердин белгилөөсүнө караганда, ибн ал-Факихтин чыгармасындагы түрк тилдүү калктар туурасындагы кабар, ал-Джахиз жана ибн Хордадбехтин чыгармаларынан алынган.

Орто Азия жана кыргыздардын тарыхый географиялык абалына байланышкан маанилүү маалымат түрмөгү ал-Истахринин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» чыгармасында камтылат. Ал-Истахринин эмгеги 930–933-жж. жазылып, географиялык маалыматтар ал-Балхинин бизге жетпей калган чыгармасынан алынган деген көз караш бар.

Орто Азиянын географиясы жана анда жашаган калктар туурасындагы маалыматтардын так көрсөтүлгөн координаттарына караганда, ал-Истахри бул аймакты өзү кыдыргандыгынан кабар берет. Ал-Истахринин маалыматына ылайык, мускус Түркстан менен Кыргыз өлкөсүнөн алынып келген. Ал-Истахринин географиялык кабарлоосуна караганда, кыргыздар Түркстан аймагына жайгаштырылып, алардын жакынкы коңшулары катары тогузгуздар менен кимактар белгиленип, Кыргыз өлкөсү Тибет жана Кытайдын батыш тарабында орун алгандыгы көрсөтүлөт. Араб автору Түркстандагы тогузгуз, хырхыз, кимак, гуз жана хазлаждардын тили бир экендигин кабарлаган. Ал-Истахринин араб тилиндеги чыгармасында кыргыздарга байланышкан айрым маалымат түрмөгү эскерилбеген менен ал өксүктүк перс тилине которулган чыгармасында толукталган.

Кыргыздардын тарыхы жана этнографиясына байланышкан олуттуу кабар Абу Дулафтын «Рисале» чыгармасында чагылдырылган. Абу Дулаф Кыргыз өлкөсүндө өкүмдарга баардыгы баш ийе тургандыгын, ал өз кезинде калк үчүн кам көргөндүгүн кабарлайт. Мындай мамиле мамлекеттеги ырашкерчиликти жараткан. Араб авторунун эмгегинде кыргыздардын мамлекеттик символу жана диний ишеними менен чарбалык турмушу туурасында баалуу маалымат камтылат. Тамак-аш, жазуу жана менталитет туурасындагы айтылган кабарлар, кыргыздардын этнографиясын тактоого көмөктөшөөрү бышык.

Кыргызстан жана кыргыздардын тарыхы боюнча баалуу маалымат ал-Бирунинин эмгегинде айтылат. АлБируни кыргыз жергесинен «хуту» аталган эчки мүйүзү чыгарыла тургандыгын кабарлаган.

Карахандар мамлекетинде эмгектенген жерлиги кыргызстандык Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат ит-түрк» эмгеги кыргыз тарыхы үчүн алмашкыс булактар катарына кирет. Кашгаринин чыгармасында Кыргызстандын онамастикасы жана кыргыздар туурасында өрнөктүү маалымат айтылат. Махмуд Кашгари кыргыз тилин таза түрк тилдеринин катарына киргизген. Эмгекте кыргыз этнониминин «кыркыз» формасында жазылышы кызыгуу туудурбай койбойт.

Илим изилдөө түрмөгүнө кыйла кеч киргизилген Тахир ал-Марвазинин «Табаи ал-хайаван» эмгеги, кыргыздардын тарыхый этнографиясы үчүн алмашкыс булактардын көч башында турат. Ал-Марвазинин эмгегинде кыргыздар кимактардын түштүгүндө, ягма жана карлуктардын чыгышында жайгаштырылат. Ошондой эле, кыргыздардын өлүк көмүү салтында жүргөн өзгөрүүгө байланышкан маалыматтын тарыхый жана этнографиялык баалуулугун өлчөп ченөө мүмкүн эмес.

Йакут ал-Хамавинин «Муджам ал-Булдан» эмгеги XIII к. жазылып,  анда кыргыздардын  тарыхы  жана этно графиясына байланышкан кызыктуу маалымат кабарланат. Кыргыз өлкөсүндөгү салт-санаа жана диний түшүнүгүнө байланышкан материал айрым тарыхый өнүгүү этаптарын калыбына келтирүүдө жардамчы материал катары колдонулаары бышык.

Араб географы аш-Шариф ал-Идрисинин «Нузхат алмуштак фи-хтирак ал-афак» кыргыздар жашаган климат туурасында маалымат айтылат.

Перс авторлору кыргыздардын этникалык тарыхына байланышкан материал топтоодо чоң салым кошушкан. Белгисиз автор тарабынан жазылган «Худуд ал-алам» булагында кыргыздардын тарыхы жана алардын белгилүү бир этаптык тарыхый өнүгүүсүндө географиялык координатынын өзгөргөндүгү туурасында кабар камтылат. «Худуд ал-алам» булагында, кыргыздар Чин областы менен Чыгыш океандын батышында, тогузгуз жана бир аз болсо да карлуктардын түндүгүндө, кимактардын батыш тарабында орун алгандыгы көрсөтүлөт. «Худуд ал-алам» булагында кыргыз калкынын эки аймакта жашагандыгы туурасында төмөнкүчө кабарланат: «Анын (тогузгуз областынын) чыгышында Чин өлкөсү, түштүгүндө Тибеттин бир бөлүгү жана халлухтар, батышында хырхыздардын бир жарымы жана түндүгүндө дагы хырхыздар, (алар) анын бардык чек арасынын боюнан орун алышкан.

Мындан тышкары, булакта кыргыздардын саясий тарыхы жана этнографиясы туурасындагы баалуу маалымат топтому орун алган.

Мухаммад ибн Наджиб Бакрандын «Джахан намэ» эмгегинде Искуль (Ысык Көл) туурасында кабарланат. Ошондой эле булакта эскерилген «Тибеттен бөлүнгөн тоо системасынын чоң тармагы Түркстанга, хирхиздердин чегарасына дейре кирип, Чин чегине чейин уланат» деген маалымат, кыргыздардын этникалык тарыхын аныктоого көмөк көрсөтөөрү бышык.

Кыргыз калкынын этногенези жана этникалык тарыхынын айрым өнүгүү этаптарын калыбына келтирүүдө Гардизинин айтылуу «Зайн ал-Ахбар» булагы олуттуу роль ойнойт. Гардизинин маалыматына ылайык, кыргыздардын түпкү теги славяндар менен байланыштырылат. Ошондой эле, Кыргыз өлкөсү туурасындагы маалымат түрмөгү мамлекеттин географиялык координатын аныктоого көмөк кошот.

«Аджаиб ал булдан» аталган анонимде кыргыздардын мекени аты эскерилбеген шаардын чегинен башталаары баяндалат. Окумуштуулардын оюна караганда, ал Тараз шаары болушу ыктымал.

Мирхонддун «Раузат ас-Сафа» булагында кыргыз аталышына байланышкан уламыш келтирилет.

Кара кытай жана монгол мезгилиндеги маалымат түрмөгү Ата Мелик Джувейнинин «Тарих – джехангушай» жана Рашид ад-Диндин «Джами ат-Таварих» эмгектеринде камтылат. Джувейнин чыгармасында кыргыздар менен кара кытайлар ортосундагы мамиле баяндалып, ал Чыгыш Түркстан аймагындагы саясий кырдаалды калыбына келтирүүгө көмөктөшөт.

Рашид ад-Диндин айтылуу эмгегинде Түштүк Сибирде жашаган кыргыз мамлекети жана анын саясий географиялык абалы туурасында кабар айтылат. Кыргыздардын жакынкы коңшулары жана алардын монголдор менен мамилеси кыргызтаануу илими үчүн олуттуу материалдар экендиги талашсыз. Кыргыздардын башкаруучулары жана алардын титулдары туурасындагы Рашид ад-Диндин маалыматы саясий башкаруу системасынан кабар берет.

Кыргыздардын тегине байланышкан кызыктуу маалымат топтому XV–XVI кк. жазылган «Маджму ат-Таварих» жана XVII к. жашаган Абу-л Газинин «Шеджере-и түрк» менен «Шеджере-и таракимэ» эмгектеринде камтылган.

Мусулман авторлорунун эмгектеринин өзгөчөлүгү туурасында айтылуу ориенталист В. В. Бартольд төмөнкүдөй мүнөздөмө берген: «Араб географиялык адабиятынын абалы анын хронологиялык так эмес китептик мүнөзүнөн улам татаалдашып кетет. Мисалы, эгер биз бир автордун X к. ал эми башкасынын IX к. жазганын билсек, кийинкинин баяндамасы биринчиникинен кыйла кеч убакытка тиешелүү деп эсептебешибиз керек. Дээрлик, баардык авторлор китептерден көчүргөнү менен алар булактарды көрсөтпөй, мезгилин тактабай пайдаланган. Ошондуктан XI к. чыгармасында X к. эмгекке караганда эрте бир булактын колдонгонун көрсөк болот».

Кыргыздардын этникалык тарыхынын айрым бир урунттуу этаптарын тактоодо Жакынкы чыгыш жана европалык авторлордун маалыматтары маанилүү роль ойнойт. Жакынкы чыгыш авторлорунун Борборук Азияга болгон кызыгуусу бири-бирине географиялык жакындыгы жок аймактарда орун алган геосаясий кырдаалга байланышкан. Сирия мамлекетинин III к. кыйрашы менен өлкө аймагы Чыгыш Рим империясы жана сасаниддик Иранга бөлүнгөн. Сириялык соодагерлер, илим жана билим адамдары, маданият өкүлдөрү менен бирге дин миссионерлери Борбордук Азияга агылып келишкен. Сириялык алфавиттин согдиялык жазууга тийгизген таасири аркылуу байыркы Енисей жана Орхон руникалык жазуу системасы пайда болгон.

Кыргыз калкынын этникалык тарыхы үчүн фрагментардык болсо да византиялык элчи Земархтын маалыматы маанилүү. Менандрдын кабарлоосуна караганда, Земарх жана Маньяктан турган византиялык элчилик миссия VI к. 70-жж. башталышында Борбордук Азиядагы түрк мамлекетине келген. Түрк каганы Земархха Керхис уруусунун туткун кызын тартууга берген.

Европалык авторлордун кыргыздар туурасындагы андан кийинки эскерүүлөрү монгол мезгилине таандык. Монгол басып алуулары европалыктардын үрөйүн эле учурбастан, ыклас коюп кызыгууну жараткан. Плано Карпини, Гильом де Рубрук жана Марко Поло сыяктуу европалык миссионерлер XIII к. 40-жж. Монгол империясына келишкен. Европалык авторлордун эмгектеринде Кыргызстан тарыхы, географиясы жана мында жашаган калктардын этнографиясына байланышкан баалуу маалымат орун алган.

Гильом де Рубруктун эмгегинде кыргыздар малчылык менен кесип кылып, урянхайлардын коңшусу катары көрсөтүлөт.

II. КЫРГЫЗДАРДЫН БАЙЫРКЫ МЕКЕНИ ЖАНА «КЫРГЫЗ» ЭТНОНИМИНИН ЭСКЕРИЛИШ ТАРЫХЫ

Байыркы кыргыздардын тарыхта адегенде эскерилиш маселеси Борбордук Азиянын чыгыш тарабындагы көчмөн талаада өткөн орошон окуяларга байланышкан. Ошондуктан кыргыздардын баштапкы мекенин тактоо жана географиялык координатын аныктоо маселеси, аларга коңшу жашаган калктардын саясий аракетин иликтөө жолу менен жүргүзүлүшү керек. Арийне, жазма тарых жаңыдан каттоого ала баштаган көчмөн талаа тарыхы үчүн бул мыйзам ченемдүү көрүнүш эсептелинет жана мында жашаган этносторду бири-биринен бөлүп кароо да мүмкүн эмес.

Көчмөн талаанын узак жылдарга уланган тарых панорамасын аныктаган окуя алыскы Ордос аймагында жүргөн. Хунну калкынын өкүмдары Тоумань улуу уулу Маодундун такка болгон мураскердигинен кутулуу максатын көздөп жана жаш жаңы аялынын баласын бийликке коюу максатында, аны ак үйлүү абалда юэчжилерге берген. Тоумань шаньюй көп өтбөй юэчжилерге кол салып, бул салгылашта Маодунь миң лиге чуркаган аргымакка минип, юэчжилердин туткунунан качып чыгат. Тоумань шаньюй уулунун эрдигине ыраазы болуп, анын карамагына бир түмөн (10 миң) атчан аскер берген. Ошол күндөн тарта Маодунь аскерлерин жоокердик өнөргө машыктырууга киришет. Адегенде, ал «ышкырык жебе» жасап «кимде ким мен аткан тарапка жебесин тартпаса, башы алынат» деген талап коёт. Аң уулоо маалында ал жебе тартып, жоокерлердин түрүн байкайт. Түмөн башчы балким тамашалап жатпасын деп, жебени тескери аткандар да чыгат жоокерлер арасынан. Анткен менен Маодунь тамашалаш үчүн жаралган эмес да, ал дароо ээнбаштардын боюн ийинден тегиздеген. Жоокерлерди сындан өткөрүп, темирдей тартип орнотуш үчүн Маодунь адегенде минген аргымагына жебе тартып, андан кийин жакшы көргөн аялын кароолго алып, жаа атпагандардын башын алдырткан. Качан барып аң уулоо маалында атасынын аргымагына тарткан жебе артынан жоокерлеринин октору чогуу учканын көргөндө, Маодунь эми анын бийлик жылдызы жана турган мезгил келгендигин туйган.

Хуннулардын салтында аң уулоо убактысы маанилүү роль ойногон жана ага колуна курал кармаган эркек аттуулардын бардыгы түгөл чыгышкан. Жоокерлеринин анын айтканын аткарып, жасаганын өтөөсүнө чыгара тургандыгына ишенген Маодунь, аң уулоо маалында атасына жебе тартат. Жоокерлер да түмөн башчынын аркасынан тартынбай ок атышып, Тоумань шаньюйдун денеси дароо эбегейсиз кирпиге айланат. Маодунь дароо ордону ээлеп, расмий мураскер катары белгиленген аталыш инисин, өгөй энесин жана ага моюн сунбаган уруу башчыларынын өмүрүн кыйып, өзүн шаньюй деп жарыялаган. Кандуу окуя б.з.ч 209-жылы өткөн жана көчмөн талаада сөз тез тарайт эмеспи, хуннулардын коомунда жасалган төңкөрүштү уккан монгол тилдүү дунхулар ыңгайлуу абалды дароо өз пайдасына колдонууну туура көрүшөт. Хуннулар менен согушуш үчүн себеп издеген дунхулар, адегенде миң ли чуркаган күлүктү суратышат. Шаньюйдун кеңешчилери аргымакты душманга кантип берет элек деп Маодунду көндүргөнгө аракет жасайт. Маодунь жакындарынын сөзүн албай аргымакты дунхуларга кармата берет. Төңкөрүштөн алсыраган хуннулар согуштан коркконунан талапка көндү деп шерденген дунху өкүмдары, эми андан шылдыңдаган талап менен Маодунь шаньюйга элчисин жиберген. Шаньюйдун аялын сураткан дунхуларга каары ташыган хуннулар дароо аттанып, душманга кол салалы деп Маодунду көндүргөнгө аракет жасашкан. Өкүмдар кеңешчилеринин тилине кирбей дунхуларга аялын да кармата берген.

Ооматынын өйдөлүгүнө толук ишенген дунху башкаруучусу хуннулардын жерине кирип, бир канча убакыт өткөндөн кийин хуннулардан бош калган бир аймакты сураткан. Маодунь өлкө билермандарын чакырып дунхулардын талабына байланыштуу кеңеш сурайт. Кеңешчилер бир ооздон такыр жерден баш тартышып, аны дунхуларга берели деп акыл айтышат. Ошондо Маодунь шаньюй «Жер мамлекеттин негизи! Кантип аны бергенге болот!» деген тарыхый сөзүн айткан. Каарданган шаньюй колуна курал кармай алчу эрендерге дунхуларга каршы жортуулга аттанууга буйрук берген. Өкүмдардын талабына ылайык, жортуулдан качкандардын башы алына тургандыгы эскертилген.

Кытай жазма булактарында камтылган бул окуянын уламыштык мазмунуна карабастан, биз андан бир канча жыйынтык чыгара алабыз. Биринчиден, Маодунь шаньюйдун катаал саясатынын натыйжасында көчмөн талаадагы биринчи борбордошкон көчмөндөрдүн мамлекети пайда болгон. Экинчиден, Маодундун дастандык каарманга таандык ишмердигинен тарыхый чындыкка коошкон маалымат өзөгү байкалбай койбойт. Ал өзөк көчмөн талаанын геосаясий картасын өзгөрткөн мамлекеттик тартип маселеси. Маодунь жоокерлерине жебе тарттырып, машыктыруу жолу менен өкүмдардын буйругун эки кылбастан аткара турган тартип орноткон. Мындай жол менен ал, шаньюй үчүн ишенимдүү жогорку аскер жетекчилигин даярдаган. Ошондой эле, дунхуларга каршы согуш жарыялоо жолу менен ал, өлкө калкынын колуна курал кармай ала турган эрлерине аскер милдеттүүлүгүн киргизген.

Маодунь шаньюйдун дагы бир көсөм жетекчилик чабыты, ал эски башкаруу системасын кыйраткан саясаты менен байланыштуу. Дунхулар менен жүргөн тирешүү маалында Маодунь шаньюйдун башкаруусун чектеген аксакалдар кеңешинин таасири ооздукталган. Шаньюйдун жеке бийлигинин орношу аркылуу Маодунь эми эски душмандарынан өч алуу саясатын жүргүзүүгө киришкен. Маодунь шаньюйдун адегенде жасаган согуш чапкыны албетте, аны кечээги «ак үйлүү» абалында кармаган юэчжилерге каршы багытталган. Кытай жазма булактарынын маалыматтарын изилдеген илимпоздор, юэчжилердин жашаган аймагы туурасында ар түркүн көз караштарды билдирип келишет. К. Ширатори хуннулардын дунху жана юэчжилерге жасаган жортуулунун натыйжасына карап, аларды төмөнкүдөй географиялык ирээт менен жайгаштырган. Кытай жазма булактарында «чыгыш варварлары» катары эскерилген дунхулар Хинган тоосунун чыгышында, юэчжилер болсо Ганьсу провинциясынын батышы жана Хуанхэ дарыясынын батыш жагындагы Хэси регионунда орун алышкан. Ал эми, хуннулар болсо, аталган эки топтун ортосундагы Иньшань тоолорунда жашашкан.

Н. Я. Бичурин эмгегинде юэчжилер Дуньхуан шаары менен Цилянь-шань тоо кыркасынын ортосуна жайгаштырылат.

Кытай жазма булактарын талдаган А. Г. Малявкин юэчжилердин Ганьсу провинциясында орун алгандыгын белгилейт. Ошондой эле, Тан авторлору юэчжи мамлекетинин территориясы Ляньчжоу, Гяньчжоу, Сучжоу, Гуанчжоу жана Шачжоу округдарын ээлегендигин жазып кетишкен. Аталган территория Хань шу жазма булагында эскерилген Дуньхуан менен Цилянь тоолоруна дал келет.

С.Г. Кляшторный япон чыгыштаануучусу Кадзуо Енокинин изилдөөсүнө таянып, Сыма Цянь эскерген «Дуньхуан менен Циляньшандан», тактап айтканда Нань-Шандын түндүгү менен Ганьсу провинциясынын түштүк-батышынан тышкары, юэчжи башкаруучуларынын бийлиги аталган мезгилде Монголиянын басымдуу бөлүгү, Жунгария, усундар жашаган Тянь-Шань жана Тарим бассейни менен жогорку Хуанхэ агымына чейин тарагандыгын кабыл алган.

Маодунь шаньюй юэчжилерге катуу сокку ургандан кийин, алар батышка карай сүрүлгөн. Ушул убакыттан баштап хуннулар менен юэчжилер ортосунда узак убакытка уланган согуш аракети жүрүп турган. Кыргызтаануу илиминде кыргыздардын тарыхта эскерилиш датасы катары хуннулардын юэчжилерди жеңгенден кийинки убакыт гана эске алынып, Маодунь шаньюйдун ханьдык Кытайга жасаган б.з.ч. 201-жылкы жортуул мезгилине чейинки окуялар топтому тарыхчы адистердин көз жаздымында калып келет. Бул маселенин өңүтү да, кыргыздардын тарыхта качан эскерилиш датасына байланыштуу. Арийне, мындай маселе качан эскерилиш менен кайсыл окуяларга байланыштуу деген суроолордун ортосундагы айырманы ажыратып карабагандыктан келип чыккандыгы байкалат.

Кыргыз тарыхнаамасында кыргыздардын тарыхта адегендеги эскерилиш датасы катары б.з.ч. 201-жыл кабыл алынган . Анткен менен хуннулар юэчжилерди жеңгенден кийин, өз маалында Мэн Тянь тарабынан басылып алынган жерлерди шаньюй кайра кайтарып, Хань династиясы менен чектешкен чегараны мурдагыдай Хуанхэнин түштүгүндөгү бекемделген аймакка жеткирип, андан соң Янь жана Дай жерлерине кол салган. Бул убакта ханьдык аскерлер Сян Юйдун жоокерлери менен салгылашып жаткандыктан, Ортоңку мамлекет согуштан тажаган. Ошондуктан Маодунь күчтөнүүгө мүмкүнчүлүк алып, анын кол астына үч миңден ашык жаачандар куралган.

Маодунь шаньюйдун өлкөнүн «түндүк» багытында жашаган этносторду жеңгени туурасындагы маалымат синолог адистер тарабынан ар түрдүүчө которулган. Алсак, Сыма Цяндын «Ши цзи» котормосунда: «Андан кийин (айтылган хуннулардын окуясынан соң) түндүктөгү хуньюй, цюйшэ, динлин, гэкунь жана синьли урууларын баш ийдирген.Ошондон баштап сюнну жакшылары жана жогорку кызматкерлер Маодунга моюн сунушуп, аны акылман өкүмдар катары таанышкан».

В. С. Таскин которгон материалда: «Кийинчерээк, качан [Маодунь] түндүк тараптан хуньюйларды, цюйшэ, динлиндерди, гэкуньдарды жана синьли ээликтерин багындырганда сюннулардын бардык ак сөөк адамдары, кызматкерлери [ага] моюн сунушуп, Маодунь шаньюйду акылман деп эсептей башташкан».

Н. Я. Бичуриндин котормосунда айтылган окуянын баяндоо нугу тескери өңүт алган: «Натыйжасында алар түндүктө Хуньюй, Кюеше, Динлин, Гэгунь жана Цайлилердин ээликтерин жеңип; ошондуктан аксакалдар менен атка минээрлер Маодунь шаньюйга баш ийишип, анын акылмандыгын таанышкан». Башка бир котормодо «Андан кийин ал түндүк багытына бурулуп хунью, кутша, тинлинг, кик-кун жана си-ли падышачылыктарын басып алды. Анын карамагындагы ак сөөктөр жана кызматкерлер Мо-тунга моюн сунушуп, анын бийлигин таанышкан», деп баяндалат.

Маодунь шаньюйдун түндүк жортуулу туурасындагы Бань Гунун «Хань шу» жазма булагында камтылган маалыматты А. Г. Малявкин мындайча которгон: «Андан соң [Маодунь] түндүктө Хуньюй, Цюйшэ, Динлин, Гэгуньлун жана Синли мамлекеттерин баш ийдирди».

Андан кийинки мезгилге таандык «Вэй лио» жазма булагында «Мындан тышкары хуннулардан түндүгүрөөк Хуньюй, Цюйше, Динлин, Гэгунь, Синьли мамлекеттери бар» экендиги кабарланат.

Сыма Цяндын баяндоосунда хуннулардын «түндүк урууларына» жасаган жортуулунун жылы жазылган эмес. Бирок жазма булакта келтирилген окуя нугуна карап, кыргыз этнониминин адегендеги эскерилиш датасын тактасак болот. Ал илинчек Сян Юйдун салгылашы жана Хань-ван Синдин вандык кызматка дайындалыш даталарына байланышкан. Маодунь шаньюйдун «түндүк урууларга» жасаган жортуулуна чейин ханьдык армия Сян Юйдун аскерлери менен салгылашып, көтөрүлүш айынан б.з.ч. 206-жылы Цинь династиясы кулаган. Эми козголоңчулар арасында жаңжал чыгып Сян Юй менен Лю Бан так талашып, акыры б.з.ч. 202-жылы Лю Бань бийликке жетип, Хань династиясын негиздеген. Тактап айтканда, жогоруда сөз кылынган Маодундун күч алышына тоскоолдук жасагыдай чама чарпыбыз келген эмес деген мезгил 206–202-жылдар аралыгын камтыйт окшойт.

Ал эми, Хань-ван Син вандык титул алышы менен Маодунь шаньюйдун «түндүк урууларын» жеңиши ортосундагы байланыш жазма булакта төмөнкүчө баяндалат: Бул убакта Хань династиясы [императору] эми гана Ортоңку мамлекетте бейпилдик орнотуп, Хань ван титулун алып жүргөн Синге Ман жергесинде орун алган Дай ээлигин берген. Сюннулардын көлөмдүү күчтөрү Манга кол салышып шаарды ээлешкенде Хань ван титулун алып жүргөн Синь сюннуларга туткунга түшүп берген. Сыма Цяндын баянына караганда, Хань Синь чустук ван титулун Хань бүлөөсүнүн бешинчи бийлик жылынын (202-жылы) биринчи айында алып, анын резиденциясы Сяпэеге орнотулган.

Дай ээлиги хуннулар менен коңшулаш орун алып, аймак ар дайым көчмөндөрдүн чапкынына кабылып турган. Маодунь шаньюй 201-жылдын күз айында Хань синдин көлөмдүү армиясын Маи шаарында курчоого алган. Хань Син кырдаалды тынчтык жол менен чечүү максатында хуннуларга бир канча ирээт чабарман жөнөткөн. Муну уккан император, Хань Синдин ишмердигин чыккынчылык катары баалап, аны ашкерелеш үчүн мамлекеттик чиновникти жаңы аталган ванга жөнөткөн. Өмүрүнөн корккон Хань Син хуннулар менен Хань мамлекетине каршы биргелешип согушуш үчүн макулдашып, шаар капкасын душманга ачып берген.

Жазма булак маалыматтары көрсөткөндөй, кыргыздардын тарыхта адегенде катталыш датасы б.з.ч 201-жылга туш келбейт. Балким, кыргыздардын тарых илиминде кыргыз этнониминин эскерилиш мезгилине адегенде шек санаган илимпоз А. Н. Бернштам болсо керек. А.Н. Бернштамдын тарых илиминин доктордук диссертациясында кыргыз аталышын б.з. 201-жыл эмес, 209-жыл менен тогоштуруу керек экендигин эскертип кеткен. Кыргыз этнониминин б.з.ч. 201-жылдан мурда, тактап айтканда б.з.ч. 203–202-жж. эскерилгендигин жактап келген авторлордун бири катары С. Г. Кляшторный эсептелинет жана ал кыргыздардын адегендеги мекенин Жогорку Енисей аймагына жайгаштырат.

Л. А. Боровкова Маодунь шаньюйдун түндүк урууларын жеңиши б.з.ч. 202–201-жж. болгондугун жазган. Мезгилдик жактан кийинки окуяларды кабарлаган «Хань шу» жазма булагында цзяньгунь (гэкуньдардын) жайгашкан жери аныкталгандыгы жана алардын Сыма Цянь убагындагы жашаган ареалдары ортосундагы мейкиндик айырмачылыкты, ал түндүк урууларынын жер которуш мүмкүнчүлүгү менен түшүндүргөн.

Ошондуктан Сыма Цяндын жана андан кийинки кытай авторлорунун маалыматтарындагы кыйыр фактыларды эске алуу менен бул окуя б.з.ч. 203 же 202-жылдар арасында болгондугу эсепке алынышы керек. Кытай жазма булактарында гэкунь, гэгунь, (гэкунь), формасында жазылган терминдин транслитерациясы кыргыз этноними экендиги бардык белгилүү синологдор тарабынан кабыл алынган.

Хуннулар бул убакта өлкө чыгышындагы дунхуларды жана батыш тараптагы юэчжилерди жеңгенден кийин, көчмөн талаа тарыхында боло элек кол куроого убактысы болгон. Ошол эле кезде, хунну шаньюйунун аскер топтоп кубаттуу мамлекетке айланышына тоскоолдук жасай ала турган Кытай мамлекети ички согуш менен алек болуп, алардын агрессиялык саясатына таасир тийгизе алган эмес. Маодунь шаньюй көчмөн талаадагы биринчи борбордошкон мамлекет куруу менен бирге, стратегиялык жактан өз максатын ишке ашыргыдай мобилдүү армия топтоого жетишкен. Маодунь шаньюйдун түндүк уруулары деп аталган этносторго каршы чапкын жасаганына чейин анын армиясынын саны 300 000 жаачан жоокерге жеткен. Хань императору Гао-дини б.з.ч. 200-жылы Байдэн тоосунда курчоого алган убакта хуннулардын армиясынын саны 400 000 атчан аскерден турган . Маодунь шаньюй мындай күч менен Борбордук Азиянын кеңири аймагына саясий таасирин тарата алган жана алардын катарыны кыргыздар да кабылган. Айрым иликтөөчүлөрдүн пикирине караганда, хунну империясынын территориясы, Маодунь шаньюй мезгилинде чыгышында – Корея, батыш чеги азыркы Синьцзянь аймагына чейин жеткен.

Кытай жазма булактарында кыргыздар жашаган жери жазылбайт. Анткен менен айрым илимпоздор хуннулардын ээлеген аймагын эске алуудан улам кыргыздардын мекенин Енисей жана Түндүк Монголия аймагына жайгаштырышат.

Кытай жазма булактары кыргыздардын жайгашкан жери жөнүндө так маалымат бербейт, тек гана аталган этностор менен бирге гэгуньдарды да хуннулардын түндүгүндө орун алгандыгын белгилейт.

Маодунь шаньюйдун түндүк урууларын жеңип алгандыгы туурасындагы дарек аркылуу бир канча проблеманын өңүтүн ачып алуу мүмкүн: биринчиден, кытай авторлорунун түндүк координаты туурасындагы түшүнүгү; экинчиден – Сыма Цяндын эмгегинде колдонулган го термини; үчүнчүдөн – аталган этностор жана алардын географиялык координаттары.

1). Кытай мамлекети империянын батышы эле эмес түндүк тарабындагы географиялык аймак туурасында маалыматы аз болгон. Император У-динин перманенттик согуш саясатынын маалындагы Чжан Цяндын батышка жасаган саякатынын натыйжасында Ортоңку мамлекет Батыш жана Түндүк багытында жашаган калктар туурасында маалымат топтоого жетишкен.

Синологдордун аныктоосуна караганда, Кытай мамлекети коңшу жашаган этностор туурасында маалымат топтоп, кийин алар династиялык тарых хроникаларына айланган. Кытай авторлору империянын айланасындагы калктарды жалпылаштырып Түндүк, Чыгыш жана Батыш мейкиндиктерге бөлгөн. Н. В. Кюнердин иликтөөсүнө ылайык, кытай авторлорунун мындай чектөөсү азыркы түндүк, түштүк жана батыш деген географиялык түшүнүктөн алыс болгон. Ошондуктан түндүк деген географиялык мейкиндикке алар түрк, монгол, индоевропалык жана маньчжур-тунгус тилинде сүйлөгөн калктардын баардыгын киргизишкен. Кытайлыктар аларды жалпы жонунан бэйди (түндүк чет элдиктер) жана дуньи (чыгыш чет элдиктер) деп бөлгөн Империянын Батыш багытында жүргүзгөн саясатынын натыйжасында «Си юй» (Батыш аймагы) деген түшүнүк Эрте Хань (б.з.ч. 206 – б.з. 24-жж.) мезгилинде пайда болгон. Кытай авторлорунун маалыматтарын иликтеген синолог адистер, Ортоңку мамлекеттин жазма булак даректери батыш менен чыгыш түшүнүктөрүн алмаштырып алгандыгын белгилешет . Ошондуктан айрым окумуштуулардын негизсиз эле, Маодунь шаньюйдун кыргыздарды Енисей же Батыш Монголиядагы Кыргыз нур көлүнөн басып алган деген ойлоруна кошулуу мүмкүн эмес. Анын негизги себеби, хуннулардын Чыгыш Түркстанга жасаган кийинки жортуул мезгилинде пайда болгон маалыматтарга байланыштуу. Хунну шаньюйу Чжи-Чжинин батыш чапкыны жана анын натыйжасында кыргыздардын жашаган аймагы туурасында жаңы жоромол жасоого негиз берген дарек чыгат. Жазма булакта орун алган кабарлар кийинки маалымат топтомуна ылайык кийин талданат.

2). Кытай авторлору колдонгон го термини туурасында синология илиминде арбын иликтөөлөр жасалган. Кытай мамлекетинде аталган термин эволюциялык маани алган жана тарыхый доордун өнүгүү баскычына жараша ар кандай түшүнүк ташыган. Синолог адистердин иликтөөлөрүнө караганда, Чун-цю мезгилинде бул термин Теңир уулунун ээлигин белгилөө максатында колдонулган. Кытай авторлору кийин бул термин менен монгол тилдүү калктардын саясий биримдиктерин атай башташкан. А.Г.Малявкин го термини Хань династиясынын убагында бир канча мааниде колдонулгандыгын аныктаган. Мисалы, вассалдык княздыктардын башчылары – «ванго», ал эми майда княздыктардын жетекчилери – «хоуго» түрүндө белгиленген. Кытай өлкөсү «ванго» термини менен мамлекеттин ичиндеги жергиликтүү администрация бирдиги менен чет элдик мамлекеттердин бийлик түзүлүшүн бирдей атаган. Биринчи жагдай боюнча, «ванго» чини мамлекеттин ичиндеги өз алдынча ээликтерге берилген. Мындай титулга башкаруучу династия менен туугандык мамиледе турган жогорку ак сөөктөр ээ болушкан жана алар борбордук бийликке дээрлик баш ийишкен эмес. Мында «ван» князь дегенди түшүндүрсө, «го» ээлик дегенди туюнтат. Экинчи жагдайда келтирилген «хоуго» термини, майда ээлик же чабал княздык деген түшүнүккө дал келет. «Хоу» термини албетте «ван» титулунан төмөн турган жана ал жергиликтүү майда ээлик жетекчилерине ыйгарылган. Кытай өлкөсү чет элдик калктардын саясий түзүлүшүн мамлекет түрүндө кабыл алышып, аларды «го» термини менен белгилешкен. Мындай каттоого империянын түндүгүндө жашаган этностор эле эмес, ал түгүл Рим империясы да кирген. Кытай мамлекетинин хуннулар менен баштапкы мамиле куруу мезгилинде, айрыкча акыркылардын кубаты арткан убакта, Ортоңку мамлекет алар менен алаканы «диго» формасында курууга мажбур болушкан. «Диго» термини «статусу боюнча бирдей державалардын мамилеси» дегенди туюнткан.

3). Маодунь шаньюйдун «түндүк урууларын» жеңгендиги туурасындагы маалыматка ылайык гэгунь – кыргыздар менен кошо тарыхта адеп эскерилген этностордун бири – хуньюйлар болгон. Табышмактуу этноним туурасында илимде ар түркүн көз караштар айтылган. Алсак, В.С. Таскин Маодунь шаньюйдун түндүк урууларын басып алган окуяга байланыштуу айткан пикиринде, кыргыз жана динлиндерден башка калктардын тарыхтагы тагдыры али белгисиз экендигин көрсөткөн . Е. Пуллейбленк да В.С. Таскиндин пикирине үндөш көз карашын билдирип, жазма булактарында кездешкен биринчи эки аталыштын (хуньюй, цюйшэ – М.К.) тарыхта кайра эскерилбегендигинен улам, аларды так идентификациялоо мүмкүн эмес экендигине көңүл бурган.

Өз убагында окумуштуулар хуньюйларды Орхон дарыясынын боюна жайгаштырып, аталган этнонимдин транслитерациясын да Орхон термини менен байланыштырган. Хуньюй терминин өзөгүндө Hunn – u = Honn – o = On – ho = Or – ho аркылуу анда Орхон мааниси камтылгандыгы белгиленген. А. Н. Бернштам хуньюйларды Түндүк Монголия, балким Байкалдын Наркы өрөөнүнүн жашоочулары экендигин боолголоп, алардын хунь формасы аркылуу гун уруу бирикмесиндеги бир өкүлүн туюнтаары мүмкүн деген оюн билдирген.

Цюйшэ термининин этникалык этимологиясы проблемалуу экендиги синолог адистер тарабынан ачык айтылган. Бул маселеге адеп окумуштуулар, цюйшэ аталышы Куча топонимин туюнта тургандыгын белгилеген. Андан кийин цюйшэ терминин талдаган А. Н. Бернштам, эски кытай сүйлөмүндө кыйчак сөзү камтылгандыгын жана ал өз кезинде кыпчак этнониминин байыркы айтылышын берет деген. Ошондой эле окумуштуу, айтылуу ирандык аталыштын б.з.ч. экинчи кылымында көчмөн талаанын чыгышында эскерилиши интригалуу маселе экендигин жана ал этноним калган үч түрк тилдүү калктардын аталыштарынан айырмаланып, андан ары жазма булактарда кайра кайталанбагандыгын белгилеп кеткен.

Маодунь шаньюйдун жортуулуна байланыштуу эскерилген жана кыргыз этносу менен тагдырлаш калктардын бири – ал динлиндер. Кытай жазма булактары динлин этносунун тарыхы туурасында талдоо жүргүзүүгө жетиштүү маалымат калтырышкан. Кытайдын «Бэй ши» жазма эстелигинде кызыл ди (чи – ди) калкы ди – ли түрүндө динлин деп аталгандыгы айтылат. Кытай авторлору аларды ҮҮҮ–ҮV кк. «гаогюй», б.а. бийик арабачандар деп атай башташкан. Ал эми VҮҮ к. башталышынан тарта кытай хронисттери аларга теле деген ысым ыйгарышкан. Синолог адистердин талдоолоруна караганда теле термини байыркы монгол тилиндеги tegreg сөзүнүн кытайча транскрипциясы деп эсептелинет. Ал байыркы түрк тилине «тегерек, дөңгөлөк» жана «араба, арабачандар» деген маанисинде кабыл алынган. Теле темасына кайрылган белгилүү окумуштуулар аларды түрк тилдүү калктардын группасына кошуп, кытай тилинин тарыхый фонетикасына ылайык динлин этноними адегенде – T’үeh-lê; Tү-lү = d’үek-lүek; Ch’үh-lê = t’үæk-læk; T’e-lê = d’æk-læk; T’үe-le = t’үet-læk формаларына өзгөргөн. Теле этносу менен кыргыздар ортосунда болгон этногенетикалык алака туурасында башка бөлүмдө кенен каралышына байланыштуу кийинки маалыматты талдоого өтсөк.

Маодунь шаньюйдун жортуул жыйынтыгында катталган этнонимдердин акыркысы кытай жазма булактарында синли деп аталат. А. Н. Бернштам аталган этнонимди синли – цайли түрүндө окуп, Наркы Байкал өрөөнүндө жашаган калктардын тарыхы такталгандыгына байланыштуу, ал уруунун жашаган аймагы Батыш Алтай, балким Иртыш жергеси болушу мүмкүн деп боолголойт. Сир сөзүнүн этимологиялык мааниси туурасында өз убагында талдоо жүргүзгөн окумуштуулар, анын кытай булактарында эскерилген се жана яньто урууларынан куралган Сеяньто уруу конфедерациясы экендигине көңүл бурушкан. Окумуштуунун иликтөөсүнө ылайык Сеяньто термини түрк тилине сир, ал эми терминдин экинчи мууну – тардуш болуп транскрипциялап, T’үé-lo

(Tölös) – теле уруусу сеяньто бирикмесинин ичиндеги калк экендиги белгиленген. Э. Шаванн сыяктуу көрүнүктүү илимпоздор да, кытай жазма булактарында эскерилген теле этнонимин Телес термини менен айкалыштырган. Ошол эле кезде, Орхон эстеликтеринде эскерилген ямтар терминин яньто этноними менен окшоштуруу мүмкүн эмес экендиги жана Тёлёс, ошондой эле Толис аталыштарын Теле деп окуу жаңылыш тыянак чыгара тургандыгы И. В. Клюкин тарабынан аныкталган. Ошондой эле окумуштуу бул аталыштарды түрк тилдүү калктардын географиялык жана «чыгыш аймак» же «чыгыш (сол) канат» деген аскердик – административдик бөлүктөр деп тактаган. Ушундай эле көз карашты синолог адистер да жактап, Теле этноними менен Толис ортосунда эч кандай байланыш болбогондугу белгиленген. Иликтөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, байыркы кыргыздардын ээлеген аймагын локализациялоо Борбордук Азиянын көчмөн талаасын камтыган тарыхый процессти жана анда жашаган калктардын географиялык координатына ылайык жүргүзүлүшү керек экендигин аныктайт. Кытай авторлору жалпылаштырып белгилеген «түндүк уруулары» деген түшүнүк Кытай мамлекетинин түндүк тарабы, ал эми кыргыздардын Енисей же Батыш Монголия аймагында жашагандыгына кепилдик боло албайт. Хань династиясынын мезгилиндеги өлкөнүн чектелүү саясий дараметинен улам, байыркы авторлордун да тышкы дүйнө туурасындагы маалыматы жетишсиз болгон. Император У-динин активдүү тышкы саясатынын натыйжасынан улам гана, Хань империясы көчмөн талаадагы этникалык топтор менен таанышып, алар жөнүндө кенен маалымат топтоого жетишкен. Анткен менен Сыма Цяндын тушунда деле, Кытай мамлекетинин «түндүк уруулары» туурасындагы маалыматтык абалы чектелүү экендигин байкасак болот. Муну биз хуннуларга колго түшкөн ханьдык полководец Ли Линге байланыштуу дарек топтомунан биле алабыз.

Ли Лин кыргыз тарыхындагы айрыкча табышмактуу персонаждардын бири. Ханьдык полководец императордун уруксаты менен б.з.ч 99-жылы 5000 жоокер баштап, хуннуларга каршы чапкынга чыккан. Ли Линдин жортуулу адегенде ийгиликтүү башталып, бирок хуннулар өздөрү билген географиялык жагдайды туура пайдаланышканынан жана кытай аскерлеринин чакталуу санынан улам айтылуу аскер башчы жеңилүүгө дуушар болуп душманга колго түшкөн . Кыргыз тарыхы үчүн «детективдүү сюжет» дал ушул окуяга байланыштуу башталат. Мисалы алсак, А. Н. Бернштам Цзюй Ди-хэу шаньюй «Ли Линге татыктуу урмат көрсөтүп, аны өзүнүн кызына үйлөндүргөн» деген Цянь ханьшудагы маалыматты келтирет. Андан кийин ал аскер башчынын кыргыз жергесине жайгаштырууга багытталган көз карашын бекемдеш максатында, Ли Линге чжуки князь деген титул ыйгарылгандыгы жана анын кыргыз областына башчылык кылуу ишеними берилгендиги туурасындагы Тан шу жазма булагындагы маалыматты келтирет. Ли Линдин кыргыз жергесинде жашагандыгын аныкташ максатында, окумуштуу туткун туурасында кабар берген Су У баштаган ханьдык элчиликтин хуннуларга жасаган миссиясы жөнүндөгү билдирүүгө таянат. Бирок кытай жазма булактарында, тактап айтканда Тан династиясына (618–907-жж.) чейин Ли Линдин жашаган жери менен анын кандайдыр жактан кыргыздарга тиешелүү экендиги туурасында эч бир маалымат келтирилбейт. Ал эми, Су Унун элчилик миссиясы болсо, ал колго түшкөн элчилерди ханьдык ордого жеткирүү жана шаньюйга белектерди тапшыруу максатын көздөгөн. Бирок ал хуннулар тарабынан туткундалып, Су У Бэйхайга (Байкал – М. К.) койчу катары сүргүнгө айдалган. Андан бир жыл өтпөй Ли Линге колго түшүп, аскер башчы башында шаньюйдун ордосунда жүрүп, буга чейин хуннулар тарабынан туткундалган дагы бир кытайлык чиновник Ли Сюй менен жоолашып, полководец аны өлтүртүш үчүн адам жиберген. Ли Линдин айыбы ачылып, улуу яньчжи аскер башчыны өлтүрө турган болгондо, шаньюй аны түндүккө качырган. Ли Лин ал жактан шаньюй ордосуна яньчжи өлгөндөн кийин барып кайрылып келүүгө мүмкүндүк алган. Ошондо гана шаньюй Ли Линди кызына үйлөндүрүп, аны юсоа-вандык кызматка көтөргөн. Хунну шаньюйу тарабынан Динлинван титулун алган Вэй-Люйдан айырмаланып, Ли Лин ордодон тышкары жашаган. Жазма булак маалыматтарында, качан гана маанилүү маселе чыкканда шаньюй Ли Линди ордого чакырып тургандыгы кабарланат. Сыма Цяндан бир кылым чамалуу кийин тарых маалыматтарын жазган Бань Гунун кабарлоосуна караганда полководец бир канча жолу Байкалда жашаган Су Уга келип-кетип турган. Анын акыркы сапарынан кийин Су У туткундан бошотулуп, Хань ордосуна б. з. ч. 81-жылы кайтып келген. Ал эми Ли Лин болсо, хуннулар арасында 20 жыл жашап, б. з. ч. 75-жылы оорудан кайтыш болгон.

Ли Линдин кыргыз тарыхына, ал түгүл кыргыздардын генеологиясына «жалгаштырылган жагдайы» эмнегедир, полководец менен замандаш жана кандайдыр бир дэңгээлде аны менен тагдырлаш болгон Сыма Цяньдын (б.з.ч. 145–135-жж. – б.з.ч. 90-ж.) көз жаздымында калган. Эгер, Сыма Цяньдын өлүмүнөн кийин Ли Лин дагы 15 жыл өмүр сүргөн деп шек санасак, анда бул окуялардан кийин бир жарым кылымдай кийин жашап, биринчи тарыхчынын эмгегин улаган «Хань шу» чыгармасынын автору Бань Гу (32–92-жж.) дагы Ли Линди кыргыз калкы менен байланыштырган эмес. Кытайдын түндүгүндө жашаган көчмөн уруулар, анын ичинде хуннулар туурасындагы баалуу маалымат топтомун жыйынтыктаган кытай тарыхчыларынын үчүнчүсү Фань Е (398–445-жж.) деле Лин Линдин кыргыздар арасында жашагандыгы жөнүндө сөз кылбайт. Анан кантип кытай аскер башчысы Ли Линдин кыргыздарын генеологиялык башатына байланышы пайда болду деген суроо туулбай койбойт. Академик В.В. Бартольд да кытай аскер башчысынын Гяньгунь өлкөсүн башкарууга дайындалышы туурасындагы кабардан шек санап, ал булактык так маалыматка таянган эмес экендигин белгилеген. Ошондой эле кыргыз тарыхын биринчи изилдөөгө алган автор, котормонун ушул жерине «Ли Лин хундарда калып, башкарууга хягас (Тан династиясынын мезгилинде колдонулган кыргыз сөзүнүн транскрипциясы) ээлигин алып, анын урпактары дээрлик Чынгыз-хандын убагына чейин бийлик жүргүзүшкөн» деген Иакинфтин толуктоосу киргизилгендигин көрсөткөн. Анткен менен өз убагында Н. Я. Бичурин (балким, басмаканадан кеткен катабы?) тарабынан котормого толуктоо киргизүүдөн улам, Ли Лин персонажы кыргыз генеологиясынан «татыктуу» орун алган.

Н. Я. Бичуриндин «Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена» аттуу эмгеги эки ирээт басылган. Эмгек биринчи жолу Санкт-Петербург шаарында 1851-жылы жарык көрүп, ал эбак эле библиографиялык таңсык китепке айланган. Бул китепте Н.Я. Бичуриндин Ли Линдин кыргыздарды башкаргандыгы, анын укум-тукуму Кыргыз мамлекетинин башында тургандыгы туурасындагы жоромолу жалпы текстен бөлүнүп, котормочунун жеке пикири жана ал текстке киргизилген автордун толуктоосу экендиги ачык байкалат.

Н. Я. Бичуриндин аталган эмгеги экинчи жолу 1950– 1953-жж. басылып, Ли Линдин окуясын кабарлаган маалымат эмгектин биринчи томунда (1950) жарык көргөн. Көөнөргүс чыгарманы басмага даярдаган редакторлор, биринчи басылышта (1851) орун алган Ли Лин туурасындагы котормочунун автордук жеке пикирин билдирген тексттик толуктоону эске алышкан эмес. Китептин экинчи чыгарылышында (1950) Н. Я. Бичуриндин Ли Лин жөнүндө айткан көз карашы которулган жалпы тексттен айырмаланбайт. Албетте, текст менен таанышкан адис котормочунун жеке пикирин кытай булагынын маалыматы катары кабыл алаары бышык. Ошондон улам Ли Лин темасына кайрылган адистер полководецти кыргыз генеологиясына кошуп, ал даректин жаралыш себебине, ал түгүл жазма булактык кабардын пайда болгон хронологиясына көңүл бурушкан эмес.

Ошентип кыргыздардын тарыхта эскерилиш датасы менен бирге, илимде алар жашаган аймакка байланышкан талаш маселе пайда болгон. Көз караштардан кайчы пикир жараткан проблема, биринчи кезекте, кыргыздар менен динлиндердин хуннулардын түндүк тарабында орун алгандыгын белгилеген кытай жазма булактарынын маалыматына байланышкан. Экинчиден, Монголиянын Түндүк-Батыш аймагындагы Хяргяс-Нор көлүнүн «кыргыз» аталышын алып жүрүшү албетте, кыргыздардын адегендеги мекенин Монголиянын Улуу көлдөр өрөөнү менен жакындатууга себеп болгон. Үчүнчүдөн, айтылуу кытай полководеци Ли Лин б.з.ч. 99-жылы хуннуларга колго түшкөн. Туткундалган аскер башчы жалпы башкаруу жүргүзүш үчүн кыргыздарга жөнөтүлгөндүгү кытай жазма булактарынын Тан династиясынын убагындагы түрмөктөрүндө катталган. Төртүнчүдөн, б.з.ч. Ү кылымдын орто ченинде хунну мамлекети оор саясий кризисти башынан кечирип, анын натыйжасында өлкө Чыгыш жана Батыш аймактарга ажыраган. Чжи Чжи шаньюй усундардан жардам алып, хунну мамлекетиндеги бийликти ээлөө максатында батышка багыт алып, адегенде усунь мамлекетинин колун талкалап, алардын түндүк тарабында орун алган уцзэлерди жеңген. Андан соң ал уцэлелердин батыш тарабында жайгашкан цзяньгуньдарды басып алган. Чжи Чжи шаньюй кыргыздардан түндүк тарабындагы динлиндерди жеңгенден кийин үч ээликти бириктирип, усундарга ар дайым чапкын жасап жеңишке жетишип турган. Чжи Чжи өзүнүн ордосун кыргыз жергесине орноткон. Кыргыз жергеси шаньюй ордосунан 7000 ли батышта, Чэшиден 5000 ли түндүк тарапта орун алган.

Жалпы жонунан ушул фактологиялык маалыматтар кыргыз жергесинин жайгашкан аймагы туурасында ар түркүн жоромолдордун жасалышына себеп болгон. Айрым окумуштуулар кыргыздардын адегендеги мекенин Енисей жана Орхон дарыяларынын аймагына жайгаштырышкан. Башында кытай булактарында катталган Гэгунь этнонимин Кем (Енисей) жана Орхон гидронимдеринин айкалыштыгынан жаралган деген да пикир пайда болгон. Мындан улам кыргыздардын жашаган аймагы Енисей жана Орхон дарыяларынын ортосу менен чектелген.

Кытай авторлорунун кыргыздар менен динлиндерди хуннулардын түндүк тарабына жайгаштыруусу, кыргыздардын баштапкы мекенин Монголиянын Түндүк-Батыш аймагындагы Хяргяс-Нор көлү менен байланыштырууга негиз берген. Мында Хяргяс-Нордун «Кыргыз көлү» деген аталышы жана динлиндердин мурдагы тарых иликтөөлөрүндө «енисейлик остяктар» деген пикирдин үстөмдүк алышы себеп болгон. Убагында академик В. В. Бартольд аталган гидронимдин Кыргыз көлү деп айтылышы менен кыргыздардын байыркы мезгилде бул аймакта жашагандыгынан күмөн санаган.

Монголиянын Түндүк-Батыш аймагында археологиялык иликтөөлөрдү жүргүзгөн новосибирскилик археолог Ю. С. Худяков да бул аймакта кыргыздардын эрте доорго тиешелүү эстеликтери табылбагандыгын белгилеген. Балким, Хяргяс-Нор көлүнүн Кыргыз аталышын алышы, кыргыздардын орто кылымдын орто чениндеги Борбордук Азияга үстөмдүк алган мезгилине дал келиши да мүмкүн. Ошондуктан лингвистикалык уйкаштыкка таянып алыска кетчү жоромол жасоого тарыхый фактылар жетишсиз экендигин белгилей кетиш абзел.

Ал эми динлиндерди «енисейлик остяктар» катары Түштүк Сибирь аймагына жайгаштыруу азыркы тарых илиминин өнүгүү деңгээлине жооп бербейт. Мурдагы тарыхый иликтөөлөрдө динлиндер Енисей аймагында жашаган калк катары каралып келген. Балким, мындай жоромол жасоого Маодунь шаньюй курган көчмөн империянын Ордосто орун алышы негизги себептердин бири болушу мүмкүн. Мындан улам кээ бир окумуштуулар Маодунь шаньюйдун жортуул траекториясын кыска аралык менен чектеп келишкен. Эгер, көчмөн талаадагы кийинки тарых өнүгүүсүндө өткөн Лаошань шаньюйдун же болбосо Чжи Чжи шаньюйдун, Мухан кагандын жортуулдарын эске алсак, анда Маодундун чапкынын Батыш Монголия аймагы менен гана белгилөө мүмкүн эмес.

Кытай жазма булактарында кездешкен этнонимдик маалыматтарды изилдөөнүн соңку жыйынтыгы көрсөткөндөй динлин термини кытай тилинин тарыхый хронологиялык фонетикасына жараша бир канча ирет өзгөрүп турган. Кытай жазма булактарында эскерилген динлин этноними Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө болсо тэгрэг катары катталган жана ал төгөрөк, дөңгөлөк маанисин туюнтат. Ал эми ҮV кылымдын соңунда кытай тилинде «бийик араба» маанисин берген гаочэ (башка бир окулушу – «гаоцзуй») уруусу жазма булактарда катталган. «Вэй шу» кытай жазма дарегинин кабарлоосуна караганда «гаоче» мурда «дили» деп аталган. Кытайдын түндүгүндө аларды «чилэ», Ся өлкөсүндө болсо алар «гаочэ» жана «динлин» деп белгиленген.

Түрк каганаттарынын убагында (VI–VIIIкк.) кытай тарыхчылары гаочэ урууларын телелер деп атай башташкан.

Таанымал археолог Д. Г. Савинов эгер, динлиндер – теле экен анда бул чөйрөдөн байыркы түрк доорунда калыптанган – уйгур, сеяньто, курыкан, дубо, байегу жана башка кубаттуу калктар чыкмак деген пикирин айткан.

Ал эми VII к. башталышында Ли Янь Шоу тарабынан жазылган «Бэйши» жана Вэй чжэн жазган «Суй шу» (VII к. башы) тарыхында кыргыздар теле уруу конфедерациясынын курамында Чыгыш Тянь-Шань аймагына жайгаштырылат. Аталган жазма дарек маалыматтарында: «телелердин бабалары – сюннулар. Уруулары аябагандай арбын. Чыгыш тарабы Батыш деңизинен тоолор жана түздүктөрдүн бардыгында (жашашат). Ло суусунун түндүк тарабында гана – пугу, тунло, вэйхэ, баегу, фуло…(орун алышат). Иунун батышында, Яньцинин түндүк тарабында, Байшандын айланасында – циби, боло, чжи, де, субо, уху, хэгу (кыргыз), едеу, жиху ж.б. жашашат» деп кабарланат. Кытай булагында кездешкен «хэгу» термининин азыркы окулушу «цзэгу» формасында жазылат жана анын транслитерациясы «кыргыз» этнонимин туюнтат.

Кытай тарыхчыларынын эмгектеринде эскерилген Иу аталышы азыркы Синцзян-Уйгур Автономиялык районундагы Хами уезддик шаары менен айкалыштырылат. Ал эми Яньци шаары болсо Чыгыш Тянь-Шань тоосунун этегиндеги Карашар шары экендиги илимий изилдөөлөрдө аныкталган маселе.

Жазма булакта эскерилген Байшань тоолору ТяньШань тоо системасына кирген Баркультаг менен Карлыктаг кыркаларына дал келет. Демек, кыргыздардын теле уруу конфедерациясынын курамында эскерилген мезгили жана географиялык координаты алардын мурда ТүндүкБатыш Монголия же Енисей аймагында жашаган дегенге негиз бербейт. Андан да кытай булактары кыргыздар менен динлиндердин географиялык жактан эле жакындыгы эмес, алардын этникалык байланышын баамдап, кыргыз мамлекетинин «эли динлиндер менен аралашып кеткендигин» белгилешкен.

Мисал келтирилген кытай жазма булактарындагы маалымат уңгусу эки нерсе көңүл бургузбай койбойт. Биринчиси, байыркы кытай авторлору динлиндердин эки топко айрылгандыгын таасын белгилешкен. Алардын бир жарымы – пугу, тунло, вэйхэ, баегу, фуло уруулары көчмөн талаанын түндүк тарабында орун алышкан. Байыркы

Сибирдин түштүк аймагына байланыштуу жасалган этногенетикалык иликтөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, пугу, тунло – тоңра, баегу – байырку уруу бирикмелери Байкал көлүнүн айланасында жашашкан.

Ал эми кыргыздар кирген теле уруу конфедерациясынын географиялык координаты Чыгыш Тянь-Шань тоосунда орун алган.

Албетте, кыргыздардын адегендеги мекени алар туурасында биринчи маалымат топтогон кытай тарыхнаамачыларын да кызыктырбай койгон эмес. Орто кылымдардагы кытай жазма булактарын жалпылаштырган «Тайпин-хуанюй-цзи» эмгегинде «Сяцзястар байыркы Гяньгунь мамлекети Хаминин батышында, Яньцинин түндүгүндө, Ак тоолордун этегинде жайгашкан» деп белгиленет». Кытай таануучулардын иликтөөлөрүнө караганда Ак-таг тоосу Чыгыш Түркстандагы Тянь-Шань тоо системасына кирген жана аны кытай авторлору Байшань тоосу деп аташкан.

Жогоруда эскерилген Чжи Чжи шаньюйдун Батышка жасаган жортуулунун натыйжасында кыргыздардын мекени шаньюй ордосунан 7000 ли батышта, Чэшиден 5000 ли түндүк тарапта орун алгандыгы айтылган. Кытай таануучу Л. А. Боровкованын пикирине ылайык Чжи Чжиге баш ийген цзяньгунь «кыргыздар» жана башка этникалык биримдиктер усунь өлкөсүнүн чыгышынан түндүктү карай кеткен аймакта орун алышкан. Жазма булак маалыматтарын тарыхый хронологиялык алкакта кайра тактап чыккан синолог окумуштуу кыргыздардын баштапкы мекенин Дзосотын-Элисун чөлүнүн батыш тарабына, Боро-Хоро тоо кыркасынын түндүк этегине жайгаштырган.

Кытай жазма булактарында айтылган кыргыздардын баштапкы мекенине байланыштуу маалыматтар топтому «гэгунь» – «гяньгунь» – «цзегулардын» Чыгыш ТяньШань тоосунун түндүк тарабында орун алгандыгын кабарлайт. Балким, байыркы кыргыздар башында Карашардын түндүк тарабында жайгашкан Манас шаары, Манас суусу, Манас көлүнүн айланасында жайгашып жүрбөсүн. Жазма даректердин хрономейкиндик алкагы менен кыр гыз этнониминин туруктуу географиялык белгиси менен кыргыздардын теле уруу конфедерациясы андан кийин прототюрк этногенезине катышыш маселеси, алардын адегендеги мекенин Чыгыш Түркстандагы Карашар шаарынын түндүк тарабына жайгаштырууга негиз берет. Кыргыздардын баштапкы мекени Чыгыш Тянь-Шань тоолору экендиги «Манас» эпосунда да эскерилет. «Манас» дастанында кыргыздар башында Ала-Тоо менен Чыгыш Түркстан аймагын мекендеп, кийин Кытай мамлекетинин кысымы менен Алтайга көчүп кеткени айтылат. Саякбай Каралаевдин вариантында окуя мындайча кабарланат:

«Чаткалга жыйган малы бар.

Чамасы келсе бу бурут

Биз менен чарпышам деген алы бар. Мунун бирөөнү айдап Иренге, Муну түшүрүп жибер тереңге.

Бирөөнү айда Каңгайга –

Бирөөнү айда кара калмак Алтайга. Түп коргонун түз кылып, Түгөл айдап жоготкун! Кан буйругу эки эмес,

Кайран Балта Жакыпты

Кырк үйлүү кыргыз баш кылып,

Алтай көздөй айдады, – деп кыргыздардын башында Ала-Тоону мекендеп тургандыгы айтылат.

Айтылуу Манасчы Балыктын айтуусунда бул окуя мындайча сүрөттөлгөн:

«Кара жанга күч келип, Казак кыргыз кошулуп, Алтай менен найманга Качып кеткен эмеспи.

Ал конушка келишип,

Мында турган Угуздар, Конуп калган эмеспи».

Тарыхый булактарга караганда наймандар Танну-Ола тоо кыркасынын түштүк тарабында, негизги бөлүгү Монгол Алтай тоолоруна ыктай жайгашкан. Демек, «Манас» эпосундагы окуя нугу көрсөткөндөй, кыргыздар башында азыркы Кыргызстан аймагына ыктай жайгашышып, тышкы душмандын кысымы менен кыргыздар наймандарга коңшу жайгашып калышкан. Дастанда айтылган кыргыздардын Чыгыш Түркстандан Сибирди карай сүрүлүшү нукура тарыхты чагылдырган маалыматтар топтомуна кирет. Кыязы, эч бир жазма булакта алардын баштапкы мекени Ала-Тоого ыктай жайгашкандыгын жана кайсыдыр бир мезгилде алар мындан Енисейди карай жер которушу «Манас» дастанындай ачык кабарлабаса керек.

Жогоруда келтирилген дастандык даректерде, кыргыздар Чыгыш Түркстандан тышкы душмандардын кысымы алдында көчүрүлсө, алардын айрым бир бөлүгү табият таңуулаган мүшкүл айынан Сибирь тарапка жер которушканын Жакыптын агасы Байдын баянында мындайча кабарланат:

«Жаркен какыр жер экен,

Кашкарыңа карасак Суусу булак, жери таш,

Баары душман, эли кас.

Мал багуучу жери аз.

Ат току балам, минейин,

Алтайдын тоосун чалайын, Кенже Жакып инибиз,

Бар болсо байкап билейин.

Алтайдын тоосун аралап

Азыр бир барып көрөйүн», –деп эпостун эки вариантында тең кыргыздар башында Түркстан аймагында жашап, кийин душмандардын жапырыгы менен Алтай тоосуна көчүрүлгөнү айтылат.

Азыркы мамлекет түшүнүгү туурасындагы илимий изилдөө жыйынтыгына жараша, мамлекеттүүлүктүн негизги белгилеринин бири – бийликтин кандайдыр бир аймакка таралыш маселеси орчундуу роль ойнойт. «Ма нас» эпосунда болсо кыргыздардын түпкүлүктүү жери, ата-бабалардан мурасталган таберик жана энчилүү Мекен маселеси мындайча сүрөттөлөт:

«Кылым кыргыз эл деген,

Түп атасы булардын

Түркстанды жердеген, Азып-тозуп ар жакка

Андан бери келбеген.

Билбейбиз кайда жүргөнүн,

Азыркысын угабыз Алтай тоосун жердеген, –деп кыргыздардын түпкү мекени Түркстан болгону айдан ачык кабарланат. Бабалар жердеп, кыргыз эрлеринин киндик каны тамган жер жана алар Алтайга сүрүлгөнгө чейинки бийлик орногон Мекен тууралуу түшүнүк эпосто мындайча берилет:

«Оо балам, уругуң кыргыз-түрк деп,

Өкүмөт кылган бабабыз

Кытайдын журтун сүрүп деп,

Айрылганбыз эл журттан, Ар кайсыбыз ар жерде Аким болуп жүрүп деп.

Чоң атаң аты Ногой деп,

Каратып турду Кашкарды,

Кара шаарга жеткенге Хан атаң Ногой башкарды», –деп кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Алтайга көчүп барганга чейинки мезгили жана Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын өзүнчө хандыгы болгондугу таасын кабарланат.

Жазма булак маалыматтары менен фольклордук даректер башында кыргыздар Чыгыш Тянь-Шанда жашагандыгын жана алар бул аймакта прототюрк этногенезине толук жуурулуша баштагандыгын айгинелейт.

III. КЫРГЫЗДАРДЫН ЕНИСЕЙДЕГИ ЭТНОСАЯСИЙ ТАРЫХЫ

  1. 1. Кыргыздардын прототюрк этногенезине катышышы жана алардын адегендеги этнотерриториясы

«Кыргыз» этноними эрте орто кылым мезгилинде алгачкы ирет кытай жылнаамасы «Чжоу шуда» эскерилет. Кытай автору кайсыдыр бир түрк адамынын айтуусу боюнча байыркы түрк уламышын кагаз бетине түшүргөн. Кытай таануучу С. Е. Яхонтовдун пикирине караганда, бул дарек 553 же андан кийинки жылдарга таандык

(Яхонтов, 1970: 110). Белгилүү археолог Д. Г. Савинов калыс белгилегендей, «Чжоу шу» көрсөткөн Цигу ээлигинин аймагы Түштүк Сибирь элдеринин этнографиясы боюнча адеп эскерилген так маалымат катары саналат (Савинов, 1984: 40). «Чжоу шу» жазма булагында Ичжинишидунун бир уулу Цигу (кыргыз-М.К.) Афу жана Гянь дарыяларынын боюна өз ээлигин орноткон (Бичурин, 1950: 220–221). Акыркы топонимдерди Н. А. Аристов тарабынан Абакан жана Енисей (Аристов, 1896: 6; Кляшторный, 1964: 104–105) деп аныктоосу, дээрлик бардык окумуштуулар тарабынан кабыл алынган.

Ал гана эмес айрым изилдөөчүлөр бул ээликтер кыр гыз дын түпкүлүктүү жери экендигин белгилешет. Академик В. В. Бартольддун аяр пикирине караганда кыргыздар бул убакта Енисей боюнда эле эмес, алар Батыш Монголиядагы Кыргыз Нор (монгол тилинде нор же нур көл дегенди туюнтат) көлүнүн аймагында дагы жашаары мүмкүн эле (Бартольд, 1963: 477). Археологдор С. В. Киселев менен Л. Р. Кызласов академиктин пикирин кубатташып кыргыздардын байыркы мекени Кыргыз Нор чөлкөмүндө жайгашкандыгын белгилишет (Киселев, 1951: 561; Кызласов, 1984: 18–19).

Кыргызтаануудагы мындай натура жоромолдор али да үстөмдүк кылуу менен кыргыз элинин этникалык тарыхынын башатын аныктоого жолтоо жасап жаткандыгы байкалат. Эгерде, тарыхнаамалык мааниге эгедер алгачкы түрк санжырасына кайрылсак, анда, кыргыздар жөнүн дө маанилүү маалымат камтыган уламыштын экинчи түрмөгүн кененирээк талдоо талап кылынат. Тарыхый уламышта түрк уруусунун ата-бабалары Со ээлигинен чыгышкандыгы айтылат. Н. А. Аристовдун пикири боюнча Со ээлиги Алтайдын түндүк этегиндеги, Бий дарыясына Лебедь дарыясынын куйган аймагында жайгашкан. (Аристов, 1896: 279). Уруу башчы Апанбунун он жети бир тууганы болуп, алардын бири Ичжинишиду «карышкырдын уулу» деп аталып, анын бир канча балдары бар эле. Со ээлиги талкалангандан кийин, Ичжинишидунун сыйкырдуу күчүнөн улам, уруусу ыңгайлуу абалда калат. Анын улуу уулу Нодулу-шад Цзянсы Чжучжешиден очок алган. Апанбу өз уруусу менен Нодулу-шадга кошулат. Ичжинишидунун бир уулу «ак кууга айланат». Н. А. Аристов аны Лебедь дарыясы менен салыштырат (Аристов, 1896: 279–280). Кийинки баласы Цигу (Кыргыз – М.К.) болсо Абакан менен Енисей аралыгынан орун алат. Төтүнчү уулу болсо Чжучжеши дарыясынын боюна жайгашат (Савинов, 1984: 32; Потапов, 1953: 137–138).

Тарыхый дарек ташыган уламышта, Ичжинишудунун уулу Цигу, Нодулу-шад менен бир тууган экендиги кабарланат. Бул муундан кийин түрк уруу бирикмесинин башына Ашина чыккан. Андан кийин бийликке келген муун өкүлү Туу болгон. Анын уулу кытай жазма булактарында Тумынь, руникалык жазууларда Бумын аталып, ал адам биринчи Түрк каганатын түптөгөн (Бичурин, 1950: 222). Эгер, уламыштык маалыматты схема түрүнө келтирсек, ал мындай маалыматтык маани алат:

Ичжинишуду  
     
         Нодулу-шад Цигу
       
         Ашина   ?
       
        Туу   ?
       
          Тумынь (VҮ к. ортосу)   ?

 

Батыш Вэй императордугунун Тумынга жасаган элчилик датасы (545-жыл) менен Нодулу-шадга чейинки үч муундук мезгил, этнографиялык эсеп менен салыштырмалуу 75 жылдык убакытка туура келет. Мындай эсеп Цигулардын Афу жана Кем дарыяларынын аралыгынан орун алышы менен ашина түрктөрүнүн 460-жылы жуаньжуандар тарабынан Алтай тоолоруна көчүрүлгөн дата менен шайкеш. Этнографиялык эсеп менен жазма булактагы маалыматтык симметрия кокусунан болбосо керек. Балким, анын сыры аталган түрк уламыштарынын али ачыла элек даректик мазмунунда камтылышы мүмкүн.

Аталган түрк уламыштарынын эки вариантын тарыхый кырдаалга салыштыра иликтөө аркылуу, алардын тарыхнаамалык олуттуу көрөңгөсүн байкасак болот. Уламыштарды өз маалында өрнөктүү изилдеп чыккан С.Г. Кляшторный эки уламыштын маңызы бир, ошол эле кезде тарыхый окуяларды чагылдырууда мезгилдик жактан бири-бирин толуктап тураарын далилдеген (Кляшторный, 1965: 81). Ошондой эле, уламыштын санжыралык тегин тактоо боюнча анын Д. Г. Савинов менен биргелешип сунуш кылган жоромолу көңүл бургузбай койбойт. Кытайда жазылган тарыхый булактан алар Цигу – кыргыздар, «ак куу тобун» – кыпчактар, Чжучже дарыясына көчүп келишкен ашиналардын туугандарын теле уруу группасы деген жыйынтыкка келишкен (Кляшторный, Савинов, 1990: 99).

Анткен менен учкул ой камтыган тарыхый сунуштун калпыс жактары да жок эмес. Эмнегедир, авторлор кыргыз, кыпчак жана теле уруу бирикмелери прототюрк этногенезине түрк ашиналардын Алтайга көчүп баруусунан кийин гана кошула баштагандыгына басым жасашат. Мындай мамиледе жазма булактык маалыматтарды тарыхый мезгил алкагында салыштыруу ыкмасы эске алынбагандыгы байкалат.

Акыркы изилдөө жыйынтыгы көрсөткөндөй алгачкы прототюрк этногенезинин башаты хунну урууларынан башталаары талашты дале туудурбайт. С.Г.Кляшторныйдын кылдат изилдөөсүнө ылайык, түрк – Ашина уруусунун баштапкы тарыхы: ганьсу – гаочан (ҮҮҮк. – 460-ж) жана Алтай 460–550 ж.ж. мезгилинен турат (Кляшторный, 1965: 281). Вэй императору Тай У-ди тарабынан 439-ж. талкаланган Хэси жана Гаочандагы Түндүк Лян хунну династиясынан 10 миң хунну үй-бүлөсү адегенде Лобнорго, андан кийин алар Гаочан тоолоруна качып барышкан. Хуннулар Гаочанда жуань-жуандар менен ынтымакта 460-жылга чейин жашап турушкан. Алар 460-ж. жуаньжуандар тарабынан Алтай тоолоруна көчүрүлүп, Алтай тоолорунун атына жараша «түрк» ысмын алышып, эски Ашина термини болсо башкаруучу уруу аталышына айланган (Восточный Туркестан, 1992: 124-125 Кляшторный, Лившиц; 1971: 126; Восточный Туркестан, 1988: 22-23).

Жогоруда айтылган уламыштарга ылайык жана Бумындын 545-жылы Батыш Вэй императору Тайцзуга жиберген элчилигине караганда, түрк ашина уруулары Ичжинишидунун (балким, Түрк аталышын алган Нодулушаддын) тушунда Алтайга көчүп келиши мүмкүн. Эгерде, белгилүү болгон 545-ж. Ичжинишудуга чейин төрт муун (Тумынь-Туу, Нодулу-Ичжинишиду) өткөндүгүн жана бир муундун 25–30 жылдан тураарын эске алсак, анда Д.Г.Савиновдун жоромолдогон бул датаны Ашина урууларынын Алтайга көчкөн убактысы катары кабыл алууга болот (Савинов, 1984: 33).

Ошол эле убакта кыргыздар жөнүндө жана алардын түрктөр менен болгон алакасын жоромолдогон 460–475(480) жж. кучагына алган мезгил боюнча жазма булактарда эч бир маалымат кездешпейт. Анан калса жуаньжуандардан куулуп Алтайга келген түрктөр тез аранын ичинде саясий бийлигин кыргыздарга же шарттуу түрдө Түштүк Сибирь аймагына тарата алышы мүмкүн эмес.

Ошол себептен, бул мезгилге чейин кыргыздардын Түштүк Сибирь аймагында жашашкандыгы туурасындагы жоромолдор объективдүү тарыхый өнүгүү нугуна дал келбейт.

Жазма булак маалыматтарына караганда, кыргыздар башында Чыгыш Түркстан чөлкөмүндө жашашкан. Кыргыздар туурасында кабарлаган даректерге ылайык, алардын гаочандык ашина уруулары жана теле, кыпчак топтору менен этникалык карым-катышы 460-жылга чейин жүрүшү да мүмкүн. Мындай жоромол жасоого кытай жазма булактарынын, түрк уламыштарынын жана фольклордук даректердин маалыматтары далил боло алат.

Ал эми айрым окумуштуулар далилдөөгө аракет жасаган кыргыздардын Енисей мезгилине чейинки тарыхы Түндүк Монголия же Түштүк Сибирь аймагы болгон деген көз караштардын калпыс жактары жазма булак маалыматтары аркылуу ашкереленет.

«Хань шу» тарыхый булагын кылдат иликтеп чыккан синолог Л.А. Боровкова кыргыздар б.з.ч. Ү к. орто ченинде Дзосотын – Элисун чөлүнүн батышында, Карашар жана Манас шаарларынын чегинде, б.а. Боро – хоро тоо кыркасынын этегинде жайгашкандыгын көрсөткөн (Боровкова, 1989: 61–62).

Синолог белгилеген кыргыздардын адегендеги тарыхый географиялык координаттары, Ли Янь Шоу тарабынан VII к. башталышында жазылган «Бэй ши» жана Вэй чжэн (VII к. башы) жазган «Суй шу» (Крюков, Малявин, Сафронов, 1979: 62) жазма булак маалыматтарында, кыргыздар Тянь-Шань тоолорун байырлаган теле уруу конфедерациясынын курамында жашагандыгы белгиленет. Көрсөтүлгөн маалыматтардын кыргыз этногенезине зор мааниси бар. Жазма булакта «телелердин бабалары – сюннулар. Уруулары аябагандай арбын. Иунун батышында, Яньцинин түндүк тарабында, Байшандын айланасында циби, боло, чжи, де, субо, уху, хэгу, едеу, жиху ж.б. жашашат» деп айтылат (Супруненко, 1974: 239). Кытай авторлору көрсөткөн Иу топоними Иулу сөзүнүн кыскартылган түрү деп эсептелинет жана ал азыркы Хами – Турфан районунун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Яньци болсо Кытай Элдик Республикасынын территориясындагы азыркы Карашар шаары.

Демек, жазма булак маалыматтары көрсөткөн координаттарга карасак, кыргыздар б.з. 1-миң жылдыгынын биринчи жарымына чейин Карашардын түндүгүндө, Манас шаары, Манас суусу, Манас көлү аталган ыйык жердин айланасында жашашкан. Эгерде, кыргыз тарыхынын байыркы мезгилин чагылдырган жазма булак маалыматтарына көңүл бурсак, кытай авторлору жазган кыргыз мамлекетинин эли динлиндер менен аралашып кеткен деген маалымат жана Кыргыз ээлиги качандыр бир кезде хуннулардын батышында орун алган (Бичурин, 1950: 350-351)деген көрсөтмө, азыркы айтылган биздин жоромолго үндөшүп кетет. Кытай авторлорунун даректери кыргыздардын баштапкы этногенезин түздөн түз чагылдырып, алардын адегенде жашаган аймагы Чыгыш Түркстан болгондугун көрсөтөт.

Кыргыздар менен коңшу жашаган динлиндердин тарыхы бул проблеманын учугун улай турган жолдомо бере алат. Кытайдын «Бэй ши» жазма эстелигинде кызыл ди (чи – ди) калкы ди – ли түрүндө динлин деп аталгандыгы айтылат (Позднеев, 1899: 11). «Тан шу» маалыматы боюнча хойхулардын ата-бабалары хуннулардан чыккандыгы жана бийик арабаларда жүргөндүктөн, алар гаогюй же чиле аталып, андан жаңылыш түрдө тйеле атыккандыгы кабарланат (Бичурин, 1950: 301).

Кытай авторлору аларды III–IV кк. «гаогюй», б.а. бийик арабачандар деп атай башташкан. Ал эми VII к. башталышынан тарта кытай хронисттери аларга теле деген ысым ыйгарышкан. Синолог адистердин талдоолоруна караганда теле термини байыркы монгол тилиндеги tegreg сөзүнүн кытайча транскрипциясы деп эсептелинет. Ал байыркы түрк тилине «тегерек, дөңгөлөк» жана «араба, арабачандар» деген маанисинде кабыл алынган Теле темасына кайрылган белгилүү окумуштуулар аларды түрк тилдүү калктардын группасына кошуп, кытай тилинин тарыхый фонетикасына ылайык динлин этноними адегенде – T’үeh-lê; Tү-lү = d’үek-lүek; Ch’үh-lê = t’үæk-læk; T’e-lê = d’æklæk; T’үe-le = t’үet-læk (Boodberg, 1951: 5; Pulleyblank, 1956: 35–36; Hamүlton, 1962: 1962: 26; Maenchen-Helfen, 1939: 83; Потапов, 1969: 148; Сердобов, 1971: 29; Малявкин, 1981: 84) формаларына өзгөргөн.

Окумуштуулар белгилеген динлиндер теле уруусу болсо, анда жогоруда айтылган кыргыздардын динлиндер менен жуурулушуу процесси, кыргыздардын Карашар шаарынын аймагында теле уруу конфедерациясынын курамында жашаган деген жазма булак көрсөтмөсүнө дал келет. Тарыхый доордун хронологиялык алкагы жана жазма булак маалыматтары кабарлаган дарек да кыргыздардын адегенде Чыгыш Тянь-Шаньда жайгашышынан кабар берет. Аталган маалыматтар кыргыздардын прототюрк этногенезине катышышын да айгинелейт. Мисалы алсак, кыргыз санжырасынын бир түркүмдүк багыты боюнча кыргыздардын түпкү атасы Түрк деп айтылат (Тоголок Молдо, 1990: 10–12).

Кыргыз калкынын жаралышына байланышкан санжыралык дагы бир экинчи багыт бар. Анын жалпылаштырган багытын «кыргыздар кырк кыздан, же Аналхактан тараган» деген өңүттө карасак болот. Экинчи багытты, биринчиге салыштырмалуу мезгилдик жактан кийин жаралгандыгын белгилеп, анын пайда болушуна тарыхый этникалык кырдаал жана чөлкөмдөгү саясий идеологиянын тийгизген таасирин байкайбыз.

Кыргыз элинин улуу мурасы эсептелген «Манас» эпосунда кыргыздардын түпкү журту Ала-Тоо деп айтылат эмеспи (Закиров, 1992: 5). Фольклордук материалдар менен тарыхый жазма булак маалыматтарынын ортосундагы окшоштуктар, кыргыз калкынын адегенде Чыгыш ТяньШань тоолорунда жашаган деген көз карашты бекемдейт.

Мындай тарыхый параллелизм кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шань тоолорунда жашаган маалында гана прототюрк этногенезине жуурулушкандыгын көрсөтөт. Прототюрк этногенезинин натыйжасында өңү ак жуумал, көзү көк, сары чачтуу кыргыз түспөлүнө монголоиддик белгилер киргендиги жазма булак маалыматтарынын көз жаздымында калган эмес (Бичурин, 1950: 351). Кыязы кыргыздар ашина түрк уруулары, кыпчак жана телелер менен бирге жуаньжуандардын кысымы астында Чыгыш Түркстандан Түштүк Сибирь аймагына 460-ж. которушкан. Албетте, белгилүү болгон улуттук саясий кырдаалдан улам Кытайдын Түндүк-Батыш аймагында археологиялык изилдөөлөр жетиштүү деңгээлде жүргүзүлө элек. Болгондо да кыргыз темасына тиешеси бар адистер андай проблема менен иштөөгө жетишпей жүрүшөт жана андай мүмкүнчүлүк жакынкы мезгилде кимдир бирөөгө ыроолонору да белгисиз.

Ошондуктан азыркы убакта кыргыз маданиятынын башатын аныктоо үчүн Түштүк Сибирь аймагы гана тарты лып келатканы адистерге маалым. Айрым окумуштуулар кээ бир окшоштуктарга таянышып Түштүк Сибирдеги Таштык маданиятын кыргыздардын чарбасы менен байланыштырып келишет (Теплоухов, 1929: 54–58; Киселев, 1950: 472; Грязнов, 1968: 103; Кызласов, 1960: 161–162).

Новосибирскилик окумуштуу Ю.С.Худяковдун археологиялык табылгалар менен жазма дарек маалыматтардын салыштыруу жолу аркылуу жасаган изилдөөлөр жыйынтыгында, «таштык маданиятынын динлин-гяньгунь (кыргыз – М.К.) этногенезине тиешеси жоктугу» (Худяков, 1993: 83) көрсөтүлдү. Эгер, Таштык маданиятынын кыргыздар менен байланышы болбосо, анда кыргыздардын Түштүк Сибирь аймагында Буга чейин байыр алып жашагандыгын айтуу кыйын. Археолог Ю.С.Худяковдун пикирине ылайык, Таштык маданиятын жараткан калк Минусин өрөөнүнө кыргыздардын б.з. Ү миң жылдыгынын орто ченинде жер которгондугуна байланыштуу аймактан көчүп кетүүгө мажбур болгон. Мында калган уруу топтору кыргыз этникалык катмарына жуурулушкан. Ошентип, Таштык маданиятынын мураскорлору кыргыздардын арасында Кыштым аталган социалдык катмарга айланышкан (Худяков, 1993: 83).

Айтылган көз караштын илимий базасы жеткиликтүү далилдерге таянып жасалгандыктан, ал жоромол колдоого татыктуу. Археологиялык материалдар көрсөткөндөй, Таштык маданияты менен кыргыз этносуна тиешелүү Чаатас маданиятынын ортосунда олуттуу айырмачылык менен бирге органикалык окшоштуктар байкалат.

Ю.С.Худяков кыргыздардын Түштүк Сибирге жер которуусун телелер менен жуань-жуандардын VҮ к. согушунан кийин болгондугуна басым жасайт (Худяков, 1991: 110). Анткен менен жогоруда айтылган түрк уламыштарынын контекстине караганда жана Түштүк Сибирдеги археологиялык страттардын пайда болуш жагдайы көрсөткөндөй, кыргыздар Енисей аймагына түрк ашина уруулары менен бирге V к. орто ченинде көчүп келишкен. Мындай жоромол жасоого, түрк уламыштарынын маалыматтары жол берет.

Кыргыздардын Енисей аймагында орун алышынын гипотетикасы да алардын прототюрк этногенезине тартылышынын мезгилдик жана географиялык жактан талабына такыр жооп бербейт. Адегенде, мезгилдик маселеге кайрылсак, мында түрк уламышын айткан жана аны жазган адамдын субъективдүү мамилесинен улам ал анохронизмдик маани ташыгандыгы байкалат. Жазма булактагы объективдүү тарыхый этникалык процессти талдоо үчүн андагы кабарды каттоодон тышкары, даректик маалыматты салыштыруу жана абстракциялоо ыкмасы колдонулуп, андан керектүү синхрондук жана диахрониялык натыйжа чыгарылышы зарыл.

Эгер, түрк уламышындагы маалыматты тарыхый этникалык процесс талабынан талдаган күндө да, ашина түрктөрүнүн Монгол Алтай тоолоруна 460-жылы жер которушунан кийинки, эң ашык дегенде да, үч муундук убакыт да кыргыздардын прототюрк этногенезине тартылышына мезгилдик жактан кыска келет. Анын негизги себеби, объективдүү тарыхый талаптарга байланыштуу. Бир этностун башка бир калктын этногониялык жалпылыгына кириши үчүн жок эле дегенде алардын бири башкасынын саясий үстөмдүгүн таанышы керек. Болбосо, экономикалык интеграция орноп, ал жалпы чарбалык жана маданий баалуулуктарды жаратышы зарыл. Андан ары глоттогенездик процесс жүрүп, ал орток менталитеттин пайда болушуна түрткү берет. Аталган процесс жүзөгө ашырылгандан кийин барып, түпкү тегин түшүнүү аракети жасалат. Ал акырында келип этногониялык жалпылык туурасындагы аң сезимдин калыптанышына алып келет. Тезистик талдоо түрүндө келтирилген факторлордун көрсөтүлүшүнүн өзү эле аныктагандай, алардын аткарылышы үчүн аябагандай узун убакыт жана тыкыз интеграциялык мамиле курулушу керек. Акыркы фактор үчүн жалпы географиялык мейкиндик талап кылынат. Ошондуктан кыргыздардын прототюрк этногенезине тартылыш проблемасын географиялык өңүттөн талдап көрсөк.

Кыргыздардын прототюрк этногенезине тартылыш проблемасын географиялык тилкеден карасак, анда Борбордук Азиянын Түндүк-Чыгыш мейкиндигин чагыл дырган объективдүү панорама көз алдыга тартылат. Ал биринчи кезекте, ашина түрктөрүнүн адегенде орун алган Монгол Алтай тоолору. Кийин алардын ээлигин Батыш Монголия багытында кеңейткендигин эске алсак, алар адеп орношкон жерди Монгол Алтай тоолоруна Кангай тоосунун жанашкан тилкеси менен белгилесек болот. Экинчи багыт, ал кыргыздардын орун алган географиялык аймагы менен байланыштуу.

Жогоруда белгиленгендей, кыргыздар б. з. V к. орто ченинде Абакан жана Енисей дарыяларынын аралыгынан орун алышкан. Кытай жазма булактарынын кабарлоосуна караганда кыргыздардын «Ажосу жайгашкан жер хойху ордосунан 40 күндүк төө жүрүш алыстыкта орун алган» (Бичурин, 1950: 353). Кыргыздарга барчу жолду XI к. аалымы Абу Саид Абдалхай б.аз-Заххак б. Махмуд Гардизи «Зайн ал-ахбар» чыгармасында мындайча сүрөттөйт: «Кыргыздарга алып барчу багыт тогузгуз өлкөсүнөн башталып, Чинанджкеттен Хасанга, Хасандан Нухбекке ал эми, Кемиз Артка бир же эки айлык жол шалбаа аркылуу, беш күн чөлдү аралап кетет. Кемизден Манбеклуга чейин эки күндүк жол тоо аркылуу өтүп, андан ары токой, талаа башталып, булактар, аң улоо жайы Манбек-лу тоосунда орун алган. Манбек-лудан кийин Көгмен башталат, жол бою жайыттар, жакшы булактар жана арбын кайберендер менен коштолуп, Көгменге чейинки төрт күн ушундай жер менен уланат. Тоосу бийик, анда дарактар арбын, жолу тар. Көгменден Кыргыз турагына чейин жети күндүк жол талаа жана шалбаа аркылуу өтөт. Жолдо ажайып булактар кездешет, чытырман токойдон душмандар ал жакка бара алышпайт» (Бартольд, 1973: 47).

Кыргыздар ээлеген аймак, ашина түрктөрү орун алган жерден кыйла узак жайгашканын бири-бирине байланышы жок жазма булактар жетиштүү даражада ачык сүрөттөгөн. Демек, түрк тектүү этностор Чыгыш Түркстандан көчүрүлгөндөн кийин, алардын арасындагы байланыш географиялык мейкиндик аркылуу бөлүнгөн. Ашина түрктөрү 460-жылдан 545-жылга чейинки убакта Минусин өрөөнүндө жашаган кыргыздарга саясий таасир тийгизип, маданий үстөмдүк орнотууга чама-чарпы жеткен эмес. Чыгыш Түркстандан көчүрүлгөн ашина түрктөрү белгиленген жылдар аралыгында жуань-жуандарга күңкор абалда жашап, алардын темир усталары катары салык төлөп турушкан (Бичурин, 1950: 353). Акыркы сүйлөмдө эске алына турган бир тарыхый эпизод бар. Ал Монгол Алтай тоолорунун түштүк аймагында жашаган түрк урууларынын башына Бумындын келиши жана түрк мамлекетинин түптөлүш маселеси. Бумын Барс жылы (534-ж.) «улуу ябгу» титулун алып, атасынан бийлик мурасын уланткан. С. Г. Кляшторныйдын пикирине ылайык, бул тарыхый акт түрктөрдүн эркин мамлекет курушунун башаты болгон. Алар жуань-жуандарга темир менен салык төлөп, формалдуу түрдө баш ийгенине карабастан, Бумын чыгыш багытында баскынчыл саясат жүргүзүп баштаган (Кляшторный, Савинов, 2005: 82–83). Бирок анын 552-жылга чейинки башкаруу бийлик учурунда түрк мамлекети түндүк багытында же болбосо кыргыздарга каршы баскынчыл саясат жүргүзгөн эмес. Акыркы тарыхый ремарка Цигулардын Минусин өрөөнүндө жашаган убакта прототюрк этногенезине тартылган деген жобого шек саноону ого бетер арттырат. Андан да, Кыргыз мамлекетинин V кылымдын орто ченинен XIII кылымдын башталышындагы монгол басып алуусуна чейинки саясий окуяларга байланышкан тарыхында, Минусин өрөөнүндө кайсыдыр бир тышкы күч узак убакытка саясий, согуштук жана маданий таасирин орноткондугу туурасында тарыхый фактылар кездешпейт.

Демек, Цигулардын Афу жана Кем дарыяларынын аралыгына жайгаштырган жазма булак маалыматы, кыргыздардын Түштүк Сибирге жер которгон процессин чагылдырган. Кытай жазма булагындагы айрым окуяларды үстүртөн баяндоо «ыкмасынын» көмүскө калган тарабында, прототюрк этногенези Чыгыш Түркстан аймагында жүрүп, ал процесске азыркы Манас шаарынын айланасында жашаган кыргыздар да тартылгандыгы туурасындагы маалымат катылган деп тыянак чыгарсак болот. Мындай пикирдин жаралышына, кыргыздардын адегенде, Енисей менен Абакан дарыяларынын аралыгын дагы Минусин өрөөнүнүн ортоңку аймагынан орун алган фактысы түрткү берет (Евтюхова, 1948: 4).

Цигулардын ээлеген аймагын талдаган Д. Г. Савиновдун макаласында, кыргыздар Минусин өрөөнү аркылуу аккан Енисей дарыясынын сол жээгине, тактап айтканда, дарыяга Абакан суусу куйган өзөндүн түндүгүрөөк тарабына жайгаштырылат.

Гардизинин «Зайн ал-ахбар» кол жазмасында Кыргыз каганатынын туш тарабын тоолор жана чытырман токой курчагандыктан, алар жашаган аймакка үч жол алып бара тургандыгы кабарланат. Үч жолдун бири – түштүктө жашаган тогузгуздарга; экинчи жол – батышта орун алган карлук жана кимактарга; үчүнчү жол болсо талаага багыт алып, ал үч айлык алыстыкта жашаган чоң уруу фуриге чейин кете тургандыгы маалымдалат (Бартольд, 1973: 47; Mүnorsky, 1937: 94).

Кыргыздар адегенде Минусин өрөөнүнүн азганакай аймагына бийлик орнотуп, кийин алардын мамлекети түптөлүп, аскердик өнөрү арткан убакта Түштүк Сибирь аймагында жашаган жергиликтүү калкты албан, салык төлөгөн күңкор кыштымдар абалына жеткиришкен. Археолог Ю. С. Худяковдун «таштык маданиятынын динлин-гяньгунь (кыргыз-М.К.) этногенезине тиешеси жок (Худяков, 1993: 83) экендигин белгилеши, кыргыздардын Түштүк Сибирдеги этникалык тарыхына жаңыча көз караш менен кароо керектигин айгинелей турган көрүнүш.

Айтылган тарыхый фактыларды талдоо жыйынтыгы кыргыздардын Чыгыш Түркстандан V кылымдын орто ченинде Түштүк Сибирь аймагына жер которуп, Минусин өрөөнүнүн сол жээгинен орун алышканын далилдейт. Кыргыз калкынын этникалык тарыхындагы ээлеген аймагынын өзгөрүшү кытай жазма булактарында «Цигулар Афу жана Кем дарыяларынын аралыгынан орун алышкан» деген маалымат менен белгиленген жана аталган маалымат Кыргыз каганатынын жаңы этнотерриториядагы башталыш этабы катары каралышы керек.

 

3. 2. Кыргыз мамлекетинин калыптанышы

Жазма булак маалыматтарынын баяндоо нугу көрсөткөндөй, Түрк каганатын негиздөөчүсү Бумын 552-ж. кайтыш болгон. Анын кара ашына Кореядан Когурё, табгач, тибеттиктер, аварлар сыяктуу кубаттуу мамлекет өкүлдөрү менен бирге кыргыздардын элчиси келгендиги кабарланат. (Малов, 1951: 36).

Кыргыз элчилигинин Азиядагы кубаттуу мамлекеттер менен бирдикте түрк каганынын кара ашына келгендигине караганда, алар 552-жылга чейин эле Түштүк Сибирь чөлкөмүндө өз алдынча саясий биримдиги бар түзүлүш экендигин баамдасак болот. Кыргыздардын олуттуу саясий күчкө айлангандыгын Түрк каганатынын үчүнчү каганы Мухандын 556–557-жж. Саян тоосунун түндүк тарабына жасаган жортуулу далил боло алат. Кытайдын «Бэйши» жана «Суйшу» жазма булактарында эскерилген бул жортуул туурасындагы маалыматтан биз, Мухан кагандын кыргыздарга жасаган чапкыны толук үстөмдүк орнотууга жетишпегендигин билебиз.

Кыргыздар менен Түрк каганатынын мамилесин талдаган С.Г. Кляшторный, Мухан каган (553–572) кыргыздарды 555-ж. басып алган деген тыянак чыгарган (Кляшторный, 1964: 20). Жазма булак маалыматтарын талдоо жыйынтыгы көрсөткөндөй, Мухан кагандын кыргыздарга кол салышына чейин бирканча мезгилди талап кылган окуялар өткөн. Мухан каган адегенде жуань жуандарга кол салып, андан кийин алардын батышында орун алган Идуну жеңип, кайра чыгышка сапар алып, кидандарды кууп чыгып, андан кийин барып түндүк тарапта жайгашкан кыргыздарга чапкын жасаган. Түрк жоокерлеринин согуш жоокерлеринин географиясы көрсөткөндөй, алар чапкынга Монголиядан чыгышып адегенде Чыгыш Түркстанга келип, андан кийин дээрлик Ыраакы Чыгышка жетишип, аягында Түштүк Сибирге кол салышкан. Борбордук Азиянын татаал географиясы менен согуш операциясынын мейкиндик ортосундагы айырмачылыкты эске алып, Мухан кагандын кыргыздарга жасаган жортуулун 556–557-жылдар аралыгында болгон деп сунуш кылаар элек.

Жазма булак маалыматтарында Мухан кагандын бул жортуулунан кийин, ал чек арадан тышкары жаткан ээликтин бардыгынын үрөйүн учургандыгы кабарланат (Бичурин, 1950: 229).

Жазма булак маалыматтардын фрагментардык мүнөзүнөн улам, кыргыздардын Түрк каганаттыгына баш ийиши, эгер ал болсо, анын деңгээли канчалык даражада экендигин тактап айтуу кыйынга турат. Анткен менен кытай жазма булагында айтылган төмөнкү саптар, эки мамлекет ортосундагы мамилени аныктоого көмөк көрсөтөт. «Тугюнун (түрктөрдүн – М.К.) түндүгүндө бийлик жүргүзгөн кигулар (кыргыздар – М.К.), (өч алууну) самап тишин кайрап жүрүшөт» деп айтылат кытай булагында. Өч алуу актысы, кыязы Мухан кагандын айтылуу жортуулуна байланышса керек. Кыргыздардын ал максат үчүн белсенип даярдангандыгына караганда, түрктөрдүн жеңиши толук баш ийдирүү менен аяктабагандыгын көрсөтөт. Бул мезгилде кыргыздардын Түрк каганатына моюн сунгандыгы туурасында байыркы түрк эстеликтери менен кытай жазма даректеринде тең эч бир маалымат кездештире албайбыз. Кыязы, «түрк бийлиги» Мухан кагандын бир жортуулунун натыйжасы болгон шекилди. Эгер андай көрүнүш болгон күндө да, кыргыздардын өч алууну самаган маанайына караганда ал таасир номиналдуу гана деңгээлде жүргүзүлгөндүгүн эске алуу зарыл.

Көчмөн талаадагы геосаясий кырдаалдын өзгөрүшүнө Кытай өлкөсүнүн 581-жылы Суй династиясына биригиши олуттуу таасир тийгизген. Буга чейин тирешкен падышачылыктардын бир мамлекетке баш кошушу, анын империялык саясий багытынын өзгөрүшүнө жана кубаттуу күчкө айланышына алып келген. Кытайдын күчтөнүшү менен Таспар-кагандын 581-жылы дүйнөдөн кайтыш мезгили менен удаа көчмөн талаада улуу жут мезгили дал келет. Жуттун айынан адамдар «нандын ордуна жанчылган сөөктөн ун жасап жеп калышкан. Саясий экономикалык оор кырдаал 582-жылдан 603-жылга чейин созулуп, ал Биринчи Түрк каганатынын эки мамлекетке ажыроосуна себеп болгон. Кубаттуу мамлекеттин экиге бөлүнүшү, Борбордук Азиядагы геосаясий кырдаалды түп тамырынан өзгөрткөн.

Түрк каганатынын Чыгыш бөлүгү акыркы жылдарын жашап, ал өз кезинде атаандаш уруу бирикмелеринин саясий аренага ат салышуусуна шарт түзүп берди. Борбор Азиянын көчмөн талаасында Буга чейин саясий күчү көмүскө абалда кармалган теле уруулары (сеяньто, киби, уйгур, тунло) Түндүк Тянь-Шань аймагында биригиш үчүн аракет жасап башташат.

Көчмөн талаадагы башаламандык менен бирге, Суй династиясы да өзү жасаган саясий кризиске кабылган. Кытай императорунун Корея менен Борбордук Азия багытында жасаган баскынчылык жортуулунун натыйжасында жана Суй династиясындагы граждандык согуш, ички саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө алып келди. Башкаруучу династиянын жүргүзгөн саясатына нааразы болгон күчтөрдүн каршылыгынан улам, Кытайда Тан династиясы аталган жаңы императордук бийлик орногон. Тан династиясынын активдүү ички жана ага коштой жасалган тышкы саясаты Борбордук Азиянын саясий географиясына таасир тийгизбей койгон жок. Ошол эле убакта, Кытай мамлекетиндеги саясий кризис мезгили көчмөн талаа, айрыкча Чыгыш Түрк каганаты үчүн ыңгайлуу саясий жагдай жараткан. Шиби-каган (609–619) жана Чуло-каган (619-620), ошондой эле, Сели-каган (Үllүg (Үlүg)-qagan (Al-gagan) мезгилинде олуттуу күчкө айланып, Кытай мамлекетине каршы ийгиликтүү согуш аракеттерин жасай алышкан.

Сели-кагандын убагы жана Биринчи Чыгыш Түрк каганатынын кулоо кези кыргыз тарыхынын саясий мамлекеттүүлүк системасынын калыптанышы үчүн эбегейсиз мааниге эгедер мезгил. Анткен менен кыргыз тарыхын чагылдырган В. В. Бартольд, С. В. Киселев, Л. Р. Кызласов жана Ю. С. Худяков сыяктуу окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүндө, ал гана эмес кыпчактар боюнча атайын китеп жазган С. М. Ахинжановдун эмгегинде (Ахинжанов, 1989: 50–59) маанилүү мезгилге учкай гана мамиле жасалат. Алсак аталган авторлордун эмгектеринде кыргыздар «мурда Сеяньто Үйүнө баш ийишчү, анын ал жакта жалпы башкаруу үчүн өзүнүн Сылифасы болгон» (Бичурин, 1950: 354) деген кытай жылнаамаларындагы супсак саптарды кайталоо менен чектелишкен. Ал эмгектерде көчмөн талаадагы геосаясий кырдаалга баа берилбестен туруп, Тайпин-хуаньюйцзи жазма булагындагы «Сейяньто ар дайым Сйелиге (Сели каган-М.К.) ал жакка жалпы башкаруу жүргүзүү үчүн бир адамды жиберүүгө буйрук беришкен» (Кюнер, 1961: 55) деген маалыматка шилтеме гана жасалат.

Арийне, тарыхый фактыга жасалган жеңил-желпи мамиле айынан, кыргыздар сеяньтолорго толук баш ийген болуп чыгат. Эгер, моюн сунуу тарыхый чындык болсо, анда анын мүнөзү кандай жана ал канчалык мезгилге созулган деген суроо туулат. В. В. Бартольд өз кезинде кыргыздардын сеяньтолорго баш ийиши, акыркылардын адегендеги кубат алуу убагы, тактап айтканда 629-ж. туура келээрин болжоп кеткен. Ошондуктан кыргызтаануу маселеси олуттуу проблеманы академик белгилеген датанын тегерегинде анализ жүргүзсөк.

Чуло каган 620-ж. бешинчи айында дүйнөдөн кайткандан кийин, анын иниси Сели Чыгыш Түрк каганатындагы бийликке келген. Сели каган 620–629-жылдарды кучагына алган кыска убакытта Кытай мамлекетине алтымыш жети ирээт ийгиликтүү жортуул жасаганга үлгүргөн (Восточный Туркестан, 1992: 162). Албетте, жаңыдан Тан династиясына бириккен Кытай мамлекети, айрыкча өлкө жетекчиси император Тайцзун үчүн көчмөндөрдүн күч алышы күтүүсүз жагдай жараткан. Биринчиден, ички карама-каршылык натыйжасында бийликке келген династия үчүн көчмөндөрдүн кол салуусу жагымсыз окуя экендиги айдан ачык нерсе эмеспи. Экинчиден, Борбордук мамлекеттин көчмөн талаа багытындагы стратегиясы али да аныктала электигине карабастан, тышкы интервенция мамлекеттин ички ресурстарын түптөп, ага каршы аракет көрүүсүнө түрткү берген.

Борбордук Азия багытындагы негизги саясий оюнчунун ички проблема менен түйшөлүп турушу, көчмөндөрдүн мейкиндигиндеги башаламандыктын андан ары өкүм сүрүшүнө жол ачкан. Номаддык коомдун саясий жана экономикалык өнүгүшүнүн динамикасына жараша, VҮҮ к. биринчи чейрегинде Чыгыш Түрк каганаттыгынын ооматы кеткен. Сели кагандын саясий үстөмдүгүнө шек туулуп, сеяньто, уйгур жана байыркулар түрк бийлигине каршы чыга башташкан. Борбордук Азиянын ортосунда орун алган олку-солку абал менен Кытай мамлекетинин аталган аймакка карата аракет көрүп баштаган мезгили таң калыштуу туш келет. Император Тайцзун ички проблемаларды оң чечип, империянын Түндүк-Батыш багытында чечкиндүү саясат жүргүзүүгө киришет (Малявкин, 1980: 103–126). Чыгыш Түрк каганатынын начарлоо этабына кириш мезгили 627-жылга туш келет. Танхуйяо булагында бул мезгил жаңылыш 688-ж. менен белгиленген (Бичурин, 1950: 254; Кюнер, 1961: 183–185). Сели кагандын алсырашына сеяньто, уйгур жана байыркулардын түрк бийлигинен чыгууга аракеттери себеп болгон. Козголоң каганаттын биримдигине доо кетирмек. Андыктан Сели чечкиндүү аракет көрүп, козголоңчуларга каршы Тули баштаган атчан аскерлер жиберилген. Каршылашкан тараптар Тянь-Шань аймагында беттешип, Тулинин колу жеңилген. Ийгиликсиз аяктаган жортуул Тулинин жеке тагдырын эле эмес, Чыгыш Түрк каганатынын саясий абалын, аны менен бирге көмөн талаадагы геосаясий кырдаалды өзгөрткөн. Согуш талаасынан ийгиликке жетише албаган кол башчыны мекенинде эч ким кулач тосо күтүп алмак эмес. Анын сыңары каарданган Сели каган Тулини катуу жазалап камап коюуга буйрук кылган. Жооп ирээтинде Тули 628-ж. козголоң чыгарып, жеңилип баратканда Кытай императорунан жардам сурап кайрылат. Кытай мамлекети үчүн көчмөн талаа күтүлгөн башаламандык жагдай көктөн күткөнүн жерден таптыргандай эле окуя болгон. «Варварлар» аталган көчмөн калктарга карата калыптанган Кытай саясаты Цинь жана Хань мамлекеттеринен башат алат. Ал саясатка ылайык бир уруу башчысын башкасына каршы коюп, керек учурда мансап берип же каражат менен камсыздоо жолу аркылуу өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырып келген (Таскин, 1975: 149–150; Васильев, 1857: 9). Окуяга байланыштуу императордун төмөнкүдөй айтканы мунун ачык далили боло алат: «Мен Хейли» (Сели-М.К.) менен антташтым, ал эми Тули менен туугандык биримдик курдум, эми канткенде акыркысына жардам бербей коё алам (Бичурин, 1950: 254). Окуянын мындай өңүттө өнүгүшү Сели кагандын саясий бийлигине доо кетирип, өлкөдө биримдик жоголгон. Жаралган жагдай Селиден башка, окуяга тиешеси бар тараптарга гана жагымдуу эле. Биринчи кезекте ал, Кытай мамлекетинин пайдасына чечилгени жаңылык эмес. Мурда бир саясий биримдикке баш ийген көчмөн талаада ырк кеткен. Оомат бир кетсе аркасынан жаман өнөкөт кошо ээрчийт сыңары, Сели каган үчүн табият да терс бурулду. Көчмөн талааны мезгил-мезгили менен каптаган жут 628-жылы кайталанды. Мал кырылып, номаддык экономика орду толгус зыян тарткан. Окуя нугу көрсөткөндөй, Сели каган 628-жылга чейин эле согуштук жана саясий жактан начарлаган. Айрым окумуштуулар көчмөн талаада өзгөргөн абалды баамдабай туруп бир жактуу бүтүм чыгарып жүрүшөт. Мисалга алсак казак окумуштуусу С. М. Ахинжанов жалгыз «Синь Тан шу» жазма булагындагы «Ишибонун небереси Инань 70 миң арабалуу тууган уругу менен Хейли-каганга (Сели-М.К.) баш ийип кетти» (Бичурин, 1950: 339) деген маалыматтын негизинде алыска кеткен тыянак жасайт (Ахинжанов, 1989: 49). Ооба, сеяньтолор 628-жылы экиге бөлүнүп, алардын бир тобун Инань жетектеп калган. Ушул жылкы окуяны чагылдырган «Танхуйяо» дарегине таянсак, түрктөрдүн түндүк чегинде 628-ж. 11-айында көтөрүлүш чыгып, анын натыйжасында Сели каган сеяньтолорго качып барган (Кюнер, 1961: 185).

Сели кагандын сеяньтолорго баш калкалашы балким, ал жетектеген атчан аскерлердин 628-жылы уйгурлардан жеңилиши жана сеяньто-уйгур коалициясынын бузула башташы менен байланыштуу болсо керек. Андан кийинки окуянын өнүгүү нугу көрсөткөндөй Сели кагандын кыска аралыктагы өмүр жолу сеяньто жана уйгурлар менен байланышкан. Бул айлампа болгон өзгөрүү, ал Селинин тагдырына жана көчмөн талаадагы геосаясий кырдаалга таасир тийгизип турган. Ал түгүл сеяньтолордун 629-ж. уйгур сылифасы Тумидудан жеңилишинин да окуя нугуна катышы бар.

Сеяньтолорго келип кошулган Селиге «сыцзин», түркчө башкаруу салты боюнча «иркин» титулу ыйгарылган (Кюнер, 1961: 185). Ал эми Инан каган титулуна ээ болуп, өзүн Йенчү Бильге каган деп жарыялайт. Селинин ордосу Юйдуцзюнь тоосу, б.а. Жунгария чөлүнүн (Дамо) түндүгүрөөк тарабына орнотулган. Ага хуйхэ, байегу, адйе, тунло, пугу, си уруулары баш ийишкен. Инандын бийлик формасын кагандык деңгээлге өзгөртүшү, Тан династиясын сестентпей койгон эмес. Сели каган 629-ж. 2-айында Кытайга элчи жиберип кытай канышасынын колун сураган. Бирок начарлаган Сели-кагандын армиясы 630-ж. 2-айында кытай аскер башчысы Ли Цзин тарабынан Иншанда талкаланып, Сели каган жоодон качып чыккан (Бичурин, 1950: 255; Кюнер, 1961: 186.).

Окуянын өнүгүшү көрсөткөндөй Сели кагандын сеяньтолорго баш калкалашы 628-ж 11-айынан, 629-ж. 2-айына чейин созулган. Эгер, кытай жазма булактарына көңүл бурсак, сеяньтолордун «ар дайым Сйелиге (Сели-каганМ.К.) ал жакка (кыргыздарга-М.К.) жалпы башкаруу жүргүзүү үчүн бир адамды жиберүүгө буйрук беришкен» деген маалыматы да 628-ж 11-айынан, 629-ж. 2-айына чейинки мезгилди камтыган деп жыйынтык чыгарсак болот (Кожобеков, 1993: 58). Анткени, сеяньтолордун Сели-каганга буйрук бере ала турган чама-чарпы жазма булак дарегинде так көрсөтүлгөн. Сели ички жана тышкы кысымдын запкысы айынан саясий таасиринен ажыраган. Көчмөн уруулардын оппозициясы акыры каганды сеяньтолорго баш калкалоого мажбурлаган. Жазма булактагы кыйыр маалыматка караганда, Селиден оомат кеткени менен сеяньтолор анын салттуу саясий жана аскердик түзүлүшүнө кийлигишкен эмес. Ал түгүл ага атайын аймак бөлүнүп, доминант тараптан атайын тапшырма (мисалы, ал кыргыздарга тиешелүү) жүктөлүп турган. Убактылуу курулган сеяньто-түрк этносаясий биримдигиндеги жогорку кагандык бийлик Инанга ыйгарылып, мамлекеттик башкаруу аппаратта кагандык бийликтен төмөн турган сыцин (түрк тилдүү калктардын бийлик шатычасындагы иркин) титулу Селиге берилген.

Эми болсо кыргыздардын сеяньтолорго баш ийген мезгилин тактап алсак. Сели каган биринчи ирет жеңилгенден кийин да, ал түрктөрдү бириктирүүгө аракет жасаган. Бирок кытай аскерлеринин кысымы менен башкаруучу уруу Ашина Суниши төбөлүнүн уулу Ашина Чжун, Сели каганды туткундап, аны кийин Тан бийлигине өткөрүп берген (Бичурин, 1950: 256; Малявкин, 1989: 153).

Муну менен Биринчи Түрк каганатынын саясий тарыхы соңуна чыккан. Бирок көчмөн талаадагы жашоо токтоп калган жок. Түрк кагандарынан калган бийлик үчүн эми үч күч айыгышкан күрөш жүргүзүп башташат. Бийликке атаандашкан күчтөрдүн бири – сеяньтолор менен уйгурлар биригишип, жаңы уюшулган коалиция Борбордук Азиядагы олуттуу күчкө айланган. Император Тай цзун көчмөн уруулар ортосундагы карама-каршылыкты ийкемдүү пайдаланып, 629-жылы Инандын каган дайындалгандыгын далилдеген грамота менен, ага башкаруу белгисин көрсөткөн желек жана добулбасты тапшырттырган. Сеяньтолор бул маалда 200 000 миң кол чыгарып, алардын территориясы хуннулардын эски ээлигин ээлеген. Мындай жагдай дароо Кытай мамлекетинин көңүлүн бурган. Тан династиясы сеянтолордун күч алышынан чочулашып, акырындап алар уйгурларга жан тарта баштаган. Кытай мамлекетинин көчмөн талаага колдонгон бөлүп-жаруу саясатына ылайык, Тан династиясы Инань-Чжэньчжу Бильге кагандын уулдарына кичи каган наамын ыйгарган (Бичурин, 1950: 240).

Сели каган тукундалгандан кийин Борбордук Азияда жаралган саясий боштук жаңы күчтөрдүн авансценага чыгышына түрткү берди. Түрктөрдүн тули уруусунан чыккан Чеби өзүн каган деп жар салган. Чебинин кагандык такка болгон талапкердиги, анын башкаруучу Ашина уруусуна таандык теги менен бекемделген. Жазма булак маалыматтарында Чеби чечкиндүү жана жоокердик сапаты менен айырмаланган. Тектик жана жеке адамдык касиети анын айланасына чачылган түрк урууларын бириктирген. Сели кагандын жеңилиши жана бирдиктүү бийликке болгон талап, баш кошуу процессин жандандырган. Уруу башчылары «кичи каган» эсептелген Чебини «негизги каганга» көтөрүүнү чечишкен. Анткен менен коалициялык мамлекетке буга чейин сеяньтолордон каган дайындалгандыктан, Чеби ал бийликке баш ийүүгө мажбур болгон. Бийлик үчүн күрөш тымызын формада өнүгүп, сеяньтолор Чебинин күн санай күч алып бараткан таасиринен чочулашып, анын көзүн тазалоону чечишет. Сеянтолордун тымызын аракети Чебиге билинип, акыркыга качууга туура келет. Ал өзүнүн уруусу менен мурдагы жайлоосу Монгол Алтайынын түндүк тарабына көчүп барат. Жазма булак маалыматтарында, бул саясий жүрүштүн натыйжасында Чебиге карлуктар менен кыргыздар баш ийишкен (Малявкин, 1989: 115). Ал отуз миң тандалма аскер жыйнап, өзүн Ичжу Чеби каган деп жарыялайт. Чеби кагандын аскердик кубаты согушчан этникалык топтордун биригиши менен андан да күч алган. Арийне, бул жагдай Тан династиясын кырдаалга түздөн түз кийлигишин тездеткен. Кытай өлкөсү Борбордук Азиядагы бири-бирине каршы турган эфемердүү бийликтер арасынан өзүнө ыңгайлуу, ыкташкан мамлекет менен дипломатиялык келишим курууга киришкен. Бул максатта «Чжэньгуань доорунун алтынчы жылына туш келген 632-ж. императордук жардык менен жапайы элдерге… элчи катары Лю Шэньинь Силиби Долуну (Ашина Мишэни) каган кылыш үчүн жолго аттанган» (Малявкин, 1984: 138).

Кытай булагында империялык дагы бир элчилик жөнөтүлгөнү кабарланат. «Чжэньгуань доорунун алтынчы жылында 632-ж. Тайцзун яньшивэй Ван И-хунду кыргыздарга элчиликке жиберген» (Кюнер, 1961: 56; Байтур, 1984: 315). Эки элчиликтин бир мезгилге туш келиши бекер жерден чыккан эмес. Кытай мамлекети башынан эле Орто Азиядагы марионеттик маанайдагы Ашина Мишэлер жакын мамиледе болушкан. Экинчи элчилик географиялык жактан Кытайдын саясий таасиринен оолак орун алган кыргыздарга жөнөтүлүшү, Тан династиясынын көчмөн талаадагы окуяларга чечкиндүү кийлигишүүгө жасаган аракетин көрсөтөт. Ашина Мишэлер менен кыргыздарды геосаясий алакага аралаштыруу аркылуу, Тан династиясы көчмөн талаада активдеше баштаган уйгур, сеяньтолорду толук курчоого алган. Кытай мамлекетинин кыргыздар менен дипломатиялык мамиле курушунун өзү буга чейин күчү көмүскө жаткан калктын Борбордук Азиядагы мамилелерге тартылгандыгын далилдейт.

Кытай элчилигинин кыргыз тарыхы үчүн мааниси зор окуя экендигин белгилөө абзел. Борбордук Азиянын саясий картасын караган күндө да анын натыйжалары ачык байкалат. Алсак, уйгур, сеяньто жана Чэби каган жетектеген түрк уруулары Жунгария жана Монголиянын батыш аймагында орун алышкан. Тан династиясы аларга каршы Ашина Мишэ менен кыргыздарды батыш жана түндүк тараптан каршы койгон. Анын ийгилиги кийин сеяньтолордун талкаланышы менен жыйынтыкталат. Кытай мамлекети бул акт менен көчмөн талаадагы саясий күчтөрдүн паритетин аныктаган. Империя өзүнө жакын өлкөлөрдү авансценага чыгарып, арбын каражат сарптай турган керексиз кыймылды чектеген.

Ал эми кыргыз тарыхына келгенде, анын ийгиликтери чукул арада жыйынтыктарын бере баштаган. Адегенде, Кытай мамлекетинин расмий таанып, мамиле курушунун өзү кыргыздардын көчмөн талаадагы негизги саясий оюнчулардын катарына кошулгандыгын көрсөтөт. Андан кийинки ийгиликтин бири – ал Кытай императорунун элчилик миссиясы менен кыргыздардын саясий абалынын өзгөргөндүгү. Буга чейин сөз кылгандай, эл-жеринен качкан Чеби 630-жылы кыргыздарды баш ийдирген. Император Тайцзундун элчиси кыргыздарга 632-жылы жөнөтүлгөн. Кыязы, кытай императору кыргыздардын ички абалы туурасында кабардар болгон жана ал жагдай Тан династиясын толук канааттандырган. Кыргыздардын кыска арада Чеби кагандын таасиринен кутулушу, эки факторго байланыштуу болушу мүмкүн. Биринчиден, кыргыздар кытай элчиси келгенге чейин Чебиден кутулушкан. Экинчиден, Кытай мамлекетинин элчилик миссиясы Чеби кагандын аймакка болгон таасирин толук жойгон (Кожобеков, 1993: 58).

Чеби каган кыргыздарды басып алгандыгы туурасындагы маалымат, сеяньтолордун акыркыларга болгон таасирин жойгондой эле, император Тайцзундун кыргыздарга жөнөткөн элчилиги Чэбинин бийлигин жокко чыгарган. Кытай миссиясынын максатын кыргыздардын саясий багытынан караган күндө да, ал Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн маанилүү экендигин баамдайбыз. Кыргыздар кубаттуу Кытай мамлекети менен мамиле куруу аркылуу эки душмандан кутулган. Анын бири – көчмөн талаада үстөмдүк орнотууну самаган сеяньтолор болсо, экинчиси – чачылган түрк урууларын баш коштуруп, бийликти топтоо аракетин көргөн Чэби эсептелген.

Кыргыздардын кайра Кытайга элчилик жиберүү мөөнөтүнүн кечеңдетилиши, кыязы батыш түрк каганы Дулунун 638-жылкы басып алуу саясатына байланышса керек.

«Тан шу» жазма булагында «Дулу менен Хилиший жоолашып, акыры Или дарыясында келишимге жетишип, дарыянын Батыш тарабы Дулу ээлигинде калып, чыгыш жагы Хилишийдин башкаруусуна өткөн. Ушул мезгилден тарта батыш тукюе Үйү эки хандыкка бөлүнгөн. Дулу – хан ордосун Цзихэ тоосунун батыш тарабына орнотуп, аны түндүк ордо деп атаган. Ал өз бийлигине Сяоми жана Гйегуларды (Хягастар) кошуп, көрүнүштү Хилишилердин мураскерлерине чейин жеткирди» (Бичурин, 1950: 286–287) деп кабарланат. А. Г. Малявкин бул котормого төмөнкүдөй түздөө киргизген: «Дарыянын батышы (жерлер) Дулу (кагандын) башкаруусунда, ал эми чыгышы (жерлер) Делиши кагандын ээлигинде калды. Ушул мезгилден тарта батыш туцзюэлер эки мамлекетке бөлүнүштү. Дулу каган өз ордосун Цзухэ тоосунун батыш тарабына түндүк ордосу деп орнотту. Бома жана Цзегу жана башка мамлекеттер ага баш ийишти» (Малявкин, 1989: 323).

«Цзю Тан шу» жазма булагынын «Туцзюелер жөнүндөгү маалымдоо» бөлүмүндө: «Или дарыясынын батышындагы (жерлер) Долю (Дулу-М.К.) (кагандын) ээлигинде, ал эми чыгышы – (каган) Делишиде (Бичурин боюнча – Хилиши-М.К.) калган. Каган Долю өз ордосун Цзухэ тоосунун батышына жайгаштырып, аны түндүк ордо (бэйтин) деп атады. Цзюеюэштер, Басимилер, Бома, Цзегу (кыргыздар-М.К.), Хосюнь, Чушуйкунь (Чумукунь болушу керек) болгон бардык мамлекеттер ага баш ийишти» (Малявкин, 1989: 323) деп маалымдалат.

Кытайдын «Тан шу», «Синь Тан шу» жана «Цзю Тан шу» булактарында келтирилген фактылар Дулу кагандын туруксуз бийлик абалынан кабар берет. Учкай айтылган кабар нугу көрсөткөндөй, Дулу чачылган түрк урууларын баш коштура алган эмес. Ички араздашуу жана атаандашкан тараптардын тынымсыз согушу Дулу каалаган саясий биримдиктин түзүлүшүнө тоскоол кылган. Кыргыздардын 643-жылы Кытай мамлекетине өз алдынча элчилик жибериши (Тай-пин хуаньюй цзи, 2003: 33), эфемердүү түрк бийликтеринин Түштүк Сибирь аймагында толук жоюлгандыгын айгинелейт.

Ошол эле кезде кыргыздардын чыгыш, батыш түрк бийликтери, сеяньто жана Тан династиясы менен болгон мамилелери көчмөн талаадагы объективдүү саясий кырдаалды чагылдырат. Мамиле бир жактуу таңуулангандыгына карабастан, кыргыздардын доминант күчтөргө карата жасаган аракетин көрсөтө алат. Жазма булактык маалыматтын бул алака багытын белгилебегендигине карабастан, кыргыздарга тиешелүү кабар топтомунун улам артышы, алардын саясий активдүүлүгүн далилдейт. Кыска аралыкта кыргыздар 628-ж. сеяньтолорго, 630-ж. Чеби каганга, 638-ж. Дулу каганга баш ийишкендиги туурасында маалымат берилет. Ушул эле жылдар ичинде Кыргыз өлкөсүнө 632-ж. Кытай империясынын элчиси келип, алар кайра Тан династиясынын борборуна өз элчилигин жөнөтүшкөн. Тарыхый фактылардын контекстине көңүл бурсак, ар бир саясий актордун кыргыздарды өз тарабына тартууга аракет жасагандыгын байкайбыз. Мында, тышкы күчтөр Түштүк Сибирди басып алып, ал жерге саясий бийлигин орнотуу эмес, эң башкысы алар кыргыздарды өз тарабына тартуу аракетин жасашкан. Ошондуктан жазма булактарында эскерилген, кайсыдыр бир күчтүн кыргыздарды «басып алгандыгы» туурасындагы маалыматты биз экспанция маанисинде эмес, бир согуштук жортуулдун натыйжасы экендигин белгилеп кетээр элек.

Жазма булактын дагы башка контекстинде кыргыздардын этникалык алакасына байланышкан маалымат учугу байкалат. Ал кыргыз, теле жана түрк этногенетикалык байланышы. Кытай булактарында «кыргыздар динлиндер менен аралашып кетишкен» деген саптар кездешет. Окумуштуулар тарабынан динлин этносу менен теле уруу конференциясы ортосунда этногенетикалык байланыш бар экендиги аныкталган. Сеяньтолор теле уруу конфедерациясына кирген кубаттуу этностордун бири болгон. Сеяньтолор менен кыргыздардын саясий мамилеси, эки этностун ортосунда жүргөн этномаданий алакадан кабар берет.

Г. Рамстедт тарабынан 1909-ж. Монголиядагы Селенга дарыясынын түштүгүнөн табылган руникалык жазууда «түрк – кыбчактар биздин үстүбүздөн 50 жыл бийлеп турганда» (Рамстедт, 1912: 40) деген маалымат кездешет. С. Г. Кляшторный эстеликти кайра карап чыгып, сеяньтолордун көмүскө аталышы кыпчак болсо керек деп жоромол жасайт (Кляшторный, 1986: 162). С. Г. Кляшторныйдын көз карашын казак археологу С. М. Ахинжанов колдоп чыккан жана азырынча чыгыштаанууда бул ойго карама-каршы пикир айтыла элек.

Эгерде, сеяньтолор чындап эле кыпчактар болсо, анда кыргыздар менен кыпчактардын (сеяньтолордун) ортосундагы этникалык байланыш эрте орто кылым мезгилинде эле жүргөн деп айтсак болот. Орто кылым аалымдары Рашид ад-дин, Абул-газиден башталып, кийин кыргыз санжыраларында уланган этникалык байланышты чагылдырган маалымат мындан аркы терең изилдөөнү талап кылат (Рашид ад-дин, 1952; Абул гази, 1914; Радлов, 1893; Гордлевский, 1947).

Борбордук Азиядагы саясий окуялар андан ары сеяньто жана уйгур коалициясынын кыйрашы багытында өнүккөн. Сеяньтолор – тонра, буку, уйгур жана башка тогуз-огуз уруулары менен бирдикте 641-ж Гобинин түштүгүндөгү жерлер үчүн күрөш жүргүзүп башташкан. Аталган аймак 630-ж. түрктөр тарабынан калтырылып, стратегиялык территория үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. Түрктөр журтун кайра ээлөө үчүн Тан мамлекетинен колдоо алып сеяньтолордун бириккен колу менен бир канча жылдарга уланган күрөш башташкан (Малявкин, 1989: 21). Жоолашуу эки баскычта өтүп, анын экинчи баскычында, теле урууларынын көбү, анын ичинде уйгурлар 642-ж. сеяньтолорго каршы согушушат (Кляшторный, Султанов, 1992: 112–124). Сеяньто – уйгур коалициясынын бузулушу Борбордук Азиянын түштүк-чыгыш чегинде жаңы кырдаалды пайда кылган. Көчмөн талаадагы ич ара согуш абалында турган эфемердүү мамлекеттер арасынан Кытай мамлекетине жетиш үчүн кыргыздарга ыңгайлуу жагдай жаралганы байкалат. «Тай-пин хуаньюй цзи» жазма булагында кыргыздар 643-ж. Кытай ордосуна «суусар тондор менен суусар терилерди «салык» катары алып келишкендиги» кабарланат (Кюнер, 1961: 56). Синолог А. Г. Малявкин «Цзю Тан шу» булагына таянып кыргыздардын Кытай мамлекетине жөнөткөн биринчи элчилиги 644-ж. жасалгандыгын белгилейт (Малявкин, 1981: 181).

Кыргыздардын Тан мамлекетине жасаган алгачкы элчилиги 643-жылга туш келээри тарыхый чындыкка жакын. Жогоруда белгиленгендей сеяньто-уйгур коалициясы 642-жылы бузулуп, теле уруулары Кытай өлкөсүнө ыктай башташкан. «Цэфу юаньгуй» энциклопедиялык дарегинде бул кырдаал төмөнкүчө чагылдырган: «Башында цзегулар (кыргыздар – М. К.) Борбордук мамлекет менен такыр байланышы жок эле. Бирок качан, теле жана башкалар баш ийишкендигинен улам, жерге чейин таазим этип, өздөрүнүн вассалдыгын билдиришти» (Малявкин, 1981: 181). Маалыматтын бир жактуулугуна карабастан, анын кыргызтаануу үчүн баалуу тарабын белгилөө зарыл. Анын эң башкысы, кыргыздар өз алдынча саясий жана этникалык бирдик катары дипломатиялык максаттарын ишке ашырууга киришкен. Ушул мезгилден тарта Борбордук Азиядагы маанилүү саясий окуялар кыргыздардын катышуусу аркылуу өтө баштаган.

Кытай булактарында кездешкен «вассал» жана «салык төлөө» туурасындагы билдирүүлөр өзүнчө талдоону талап кылат. Кытай өлкөсүнүн Цинь жана Хань доорунан тарта калыптанган мамлекеттик саясий салт жана идеологиялык басымга ылайык, ханьдыктар өздөрүн дүйнөнүн борбору катары санай башташкан. (Воробьев, 1990; Салтыков, 1972; Кроль, 1978). Мамлекеттик саясий этикага жараша башка элдерден элчилик же соода кербени келсе, биринчиси – «кулдук уруп баш ийиш үчүн», экинчиси – «салык алып келишти» деп белгиленген (Таскин, 1979:57; Думан, 1970: 34; Думан, 1972: 204).

Кытайтаануучу адистер тарабынан аныкталган илимий изилдөө жыйынтыгына жараша, кыргыздардын Тан мамлекетине жасаган алгачкы элчилигин «баш ийүү», ал эми суусар буюмдарды тартуулашын «салык төлөө» деп эсептөө тарыхый нонсенс. Биринчиден, анын тарыхый объективдүү негизи бар. Кытай мамлекетинин мурда кыргыздар менен эч бир саясий байланышы болгон эмес. Бул жагдай кыргыздардын дароо «вассалдык абалын» жокко чыгарат. Экинчиден, Кытай өлкөсү кыргыздар эмес, көчмөн талаага гегомондук орото албаган. Үчүнчүдөн болсо, ал жогоруда келтирилген окумуштуулардын изилдөөлөрү кытай идеологиясынын бир жактуу көз карашын толугу менен төгүндөйт.

Анткен менен ушул мезгилден тарта Борбордук Азиядагы саясий кырдаал Тан династиясынын ийгилиги менен өнүгө баштады. Сеяньто каганы Бачжонун кысымынан жадаган огуз уруулары 646-ж. Тан императору Тайцзунга жардам сурап кайрылышкан. Император дароо макул болуп, натыйжасында сеяньтолорго каршы огуз жана кытай биримдиги жаралат. Уйгур эльтебери Тимидунун жетекчилиги менен огуз уруулары 646-ж. июнь айында сеяньтолорго оор сокку урушкан. Согуш жыйынтыгында сеяньто бирикмеси бытырап, ал мурдагыдай олуттуу саясий күчтөн айрылган. Учурдан пайдаланган Тан империясы сеяньтолорду биротоло талкалоого киришет. Чачылган сеянтолордун үч бөлүгүнүн бирине империялык генерал Ли Цзи Өтүкен аймагынан кууп жетип 5000 адамдын башын алып, эркек, аялы менен 30 миң кишини туткундаган (Кюнер, 1961: 46). Чжиши Сыли башка бир сеяньто тобуна кол салып, 648-ж. сегизинчи айында аларды Монгол Алтай аймагында талкалаган (Малявкин, 1981: 104). Ал эми Ашина Шер кийинки айда дагы бир сеяньто тобун жана чуми, чуюэ урууларын кыйраткан (Малявкин, 1989: 112–114). Кытай мамлекетинин армиясында түрк жаатташ жоокерлердин согушкандыгы туурасында маалымат жазма булактарда чагылдырылган. Ли Цзинин түндүк тарапка жасаган жортуулуна 20 миң теле атчан жоокерлери катышкан (Бичурин, 1950: 343).

Сеяньтолордун талкаланышы көчмөн талаадагы геосаясий кырдаалды түп тамырынан өзгөрткөн. Буга чейинки түрк мамлекетинин кыйратылышы Борбордук Азиядагы саясий боштукту кандай жаратса, сеяньто күчүнүн жокко чыгарылышы ошондой эле эффекти пайда кылган. Анткен менен саясий боштук кайра келип атаандашкан күчтөрдү жандандырган. Биринчи кезекте ал уйгурларга тиешелүү. Уйгурлар мурдатан эле түрктөргө, андан кийин сеяньтолорго каршылык көрсөтүп, ыгы келгенде Тан династиясы менен ынтымакташа коюп «көмөчүнө күл тартып» келгени маалым. Сеяньтолор талкаланаар замат уйгур эльтебери Тумиду «өзүн-өзү» каган деп жарыялаган (Бичурин, 1950: 305). Анткен менен Кытай мамлекети анын кагандык титулун тааныгын эмес жана расмий документтерде ал «тутук» титулу менен аталып келген. Уйгурлар Тан империясынын кызыкчылыгын жактап 663-ж. кызматташып, анын кылычын чаап келишкен (Малявкин, 1989: 117–123).

Кытай мамлекети жүргүзгөн саясат өз жемишин берип каршылашкан көчмөн уруулар бири-бирин жок кылышкан. Анын натыйжасында, геосаясий кырдаал өзгөрүп, Борбордук Азиянын көчмөн талаасында олуттуу согуштук кубат келишкен күч калган эмес. Мындай жагдай, негизги саясий оюн жүргөн ареалдан алыс жайгашкан кыргыздар үчүн ыңгайлуу болгон. Кыргыздар саясий атаандашуу, жаатташып чабышуу сыяктуу опурталдуу окуяларга катышкан эмес. Арбын каражат сарптай турган согуштук аракеттен оолак абал, кыргыздардын өз мамлекетин чыңдап, негизги саясий күч эсептелген Кытай империясы менен саясий-дипломатиялык мамиле курууга жетишкен.

Кытай булактарынын маалыматына караганда, Кыргыз мамлекетинин башкаруусу Сылифа Шибоцюй Ачжань Чжэнь-гуань бийлигинин 22-ж. 648-ж. Тан династиясынын борборуна ордосуна келген. Империялык идеологияга жараша кыргыз сылифасы төмөнкүдөй кайрылуу жасаган: «Мен бүткүл жүрөгүм империяга берилгендиктен, өкмөттүк кызматты жана чиновниктик тактайчаны (вассалдыктын белгиси) алам го деп ойлойм (Кюнер, 1961: 56). «Тан шу» булагында кыргыз сылифасы Ху-бань кармай тургандыгын, тактап айтканда баш ийип вассал болом деп билдиргендиги кабарланат (Бичурин, 1950: 355). Император Тайцзун Шибоцюй Ачжанга сол тараптагы ардактуу гвардиянын генералы (цзютунь вэйцзяцзюнь) титулун ыйгарып, генерал-губернатордук даражадагы «Цзянь-кунь областынын ду-дулук» (Цзянь-куну ду-ду) кызматын ыйгарган (Супруненко, 1975: 61). Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө карата Тан династиясынын расмий документтери, 648-ж. 6-мартында кыргыз жергесинде Яньшань наместничествосуна баш ийген Цзяньгунь дуду башкармачылыгы орногондугун каттаган (Малявкин, 1989: 118).

Яньшань наместничествосу 647-ж. уюшулуп, башында ага теленгуттар, тогуз-огуздар кийин кыргыз жана курыкандар киргизилген.

Кытай булактары мамлекеттик идеологияга ылайыктап, Кыргыз өлкөсүн Тан империясына баш ийген бирдик катары көрсөтүп, аны мамлекеттин бир наместничествосу катары көрсөткөн. Маселенин өңүтүн ачыш үчүн дагы бир ирет В. С. Таскиндин оюна көңүл буруу ашыкча болбос. Илимпоздун илимий изилдөө жыйынтыгына жараша кайсыдыр бир «уруу башчыларын бейпил учурда кытай ванынын ордосуна келгендиги жөнүндө сөз болсо, кытайлыктар өз баркын көтөрүш үчүн мындай жосунду баш ийгендин белгиси жана Кытайга өз эрки менен көз каранды экендигин билгизгендик деп түшүнүшкөн» (Таскин, 1979: 57). Албетте, Тан империясынын кыргыздарга саясий бийлигин таңуулоосу, китаецентристтик идеологиянын айдан ачык формасы. Бул темага кайрылган А.Г. Малявкин жана Г. П. Супруненко сыяктуу синологдор Кыргыз мамлекети эч качан Кытай империясынын бийлигине кирбегендигин белгилешет. Окумуштуулардын айтымында Тан династиясы мындай ыкма менен жокту болгондой кылып көрсөтүүнү каалаган. Ошондой эле, кытай титулдарынын ыйгарылышы да, аларды кандайдыр бир деңгээлде империяга жоопкер кылып же алардын бийлигин чектөөгө жаткан эмес (Малявкин, 1981: 182; Супруненко, 1974: 241).

Аяр изилдөөчү В. В. Бартольд муну кыргыздардын империяга формалдуу түрдө баш ийишкендиги катары баалап, эми алар кытай чиндерин алып, Яньжандагы кытай наместнигине баш ийишкен деп жыйынтык чыгарат (Бартольд, 1963: 483).

Аталган мезгилге талдоо жүргүзгөн Л.Р. Кызласов геосаясий кырдаалды толук баамдай алган эмес. Л.Р. Кызласов кыргыздар (окумуштуунун кыргыз этнониминин ордуна хакас терминин колдоноору баарыга маалым – М. К.) оор саясий кырдаалга байланыштуу жана соода байланышын куруу максатында улуу державадан жардам суроого аргасыз болгон (Кызласов, 1984: 37) деп тыянак чыгарат.

Кытайдагы кыргыз тарыхчы Анвар Байтурдун белгисиз даректерге таянып «кыргыз жергесине көп сандаган ханьдыктардын келгендигин» (Байтур, 1992: 316) жазган.

Арийне, Л. Р. Кызласов менен А. Байтурдун жоболору сынга толбойт. Канткенде кыргыздар үчүн 648-жылы оор саясий кырдаал түзүлүп, ханьдыктар аны чечиш үчүн көп сандаган адамдарын жиберсин. Оппоненттерге жооп тарыхый кырдаалдын өзүндө жатканын эскерте кетүү абзел. Кыргыз мамлекетинин атаандаштары саналган чыгыш түрктөр, сеяньтолор бул убакта талкаланып, мурдагы кубатынан ажырашса, уйгурлар болсо Тан империясы менен мамилесин такташа албай ортозаар абалда турушкан. Мындай жагдайдан алганда кыргыздардын эгемендигине же ички саясатына таасир тийгизе турган бир да күч калган эмес. Ошондуктан аталган авторлордун көз караштары тарыхый чындыкка жакындабай тургандыгын эскерте кетүү зарыл.

Кытай жазма булактары боюнча адис А. Г. Малявкиндин сөзү менен айтканда: «Цзяньгунь дуду башкармачылыгынын түзүлүшү империянын жогорку даражадагы атка минерлердин дүйнөдөгү реалдуулукту эске алышпастан, көз карандысыз өлкөлөр менен элдердин жергесин «райондоштурганы» менен ашкереленет» (Малявкин, 1989: 20).

В. В. Бартольддун «бийликте мурдагы хандар жана башчылар калышып, алар кытай титулдарын ала башташкан», – деген пикири андан ары уланып талдоого арзыйт. Сеяньтолордун бийлиги (628–629) кыргыздарга тарап, сеяньтолор дайындаган эльтебер Түштүк Сибирь аймагында кыска убакыт болсо да бийлик жүргүзгөн. Кытай жазма булактарынын маалыматтык нугуна караганда, Кыргыз мамлекетин бул мезгилде үч адам чогуу бийлеп турса керек. «Тай-пин хуаньюй цзи» булагында «Алардын мамлекетинде улуу башкаруучу Хэси-бэй аталат, кийинки (мансабы боюнча) Ацзюйшэбибэй, кийинкиси А-ми-бэй. [Ушул] үч адам чогуу башкарышып турушат» деп кабарланат (Кюнер, 1961: 55).

Кыргыздардын мамлекеттик башкаруу бийлигин талдаган Е. И. Кычановдун иликтөөсүндө: «Бардык кыргыздардын ички бийлигин үч цючжандар (башкаруучулар же аксакалдар) аткарышат. Алардын ысымдары (же мансаптары) – Цисиби, Цзюйшабоби жана Амиби», – деп аталат. Адам ысымдарынын акыры «би» менен аяктагандыктан, аларды түркчө «бий» деп атоого толук негиз бар. Ошондой эле, ал бийлердин эч кимиси улук болгон эмес, жазма дарек боюнча «тун чжи ци го» – өз мамлекетин биригип башкарышкан» дегенди туюнтат деп жыйынтык чыгарган (Кычанов, 1991: 54).

Кыргыз мамлекети бул убакта үч канаттан куралышы толук мүмкүн. Борбордук Азиядагы түрк-монгол калктарынын саясий салтында үч канаттык система мүнөздүү көрүнүш (Таскин, 1968, 1973, 1984, 1992; Ларичев, 1990; Кычанов, 1997).

«Тай-пин хуаньюй цзи» булагында эскерилген «улуу башкаруучу» Хэси-бэй борборунда, калган кичи мансаптагылар болсо сол жана оң канаты башкарышы толук ыктымал. Арийне, жазма булактык маалыматтын тартыштыгы Кыргыз мамлекетинин саясий системасын толук калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Анткен менен Цисиби, Цзюйшабоби жана Амиби аталган үч башкаруучу Кыргыз мамлекетинин адегендеги түптөөчүлөрү болушкан деп айтууга толук негиз бар. Үчилтик саясий система аркылуу Кыргыз мамлекети кийин эльтеберлик башкарууга көтөрүлгөн. Ал Шибоцюй Ачжандын 648жылы Кытай мамлекетине барганда эльтебердик титул алып жүргөндүгү менен жыйынтыкталат.

Борбордук Азиядагы түрк тилдүү калктардын мамлекеттик түзүлүшү eltäbärlүg bodun – эльтеберлүү калк» жана qaγanlϊg bodun – «каганы бар калк» (Мелиоранский, 1898, 1899; ДТС, 1969) деп бөлүнгөн. Кытайча сылифа түрүндө жазылган термин байыркы түрк тилдүү калктардын эльтебер титулуна туура келет. В. В. Бартольд «эльтебер» «каган» титулунан төмөн туруп, ал майда жана саясий өз алдынчалыгы жок элдердин жетекчилерине ыйгарылаарын белгилеген (Бартолд, 1973: 481–482).

Окуянын өнүгүү жыйынтыгы көрсөткөндөй, кыргыз этносу аталган мезгилде татаал тарыхый жолду башынан кечирген. Адегенде, алар Чыгыш Теңир Тоодо жашап, ал жерде прототюрк этногенезине катышкан. Ашина уруулары жана теле уруу конференциясындагы кыпчак, огуздар менен этникалык байланышта болуп, V к. 60-жылдары Түштүк Сибирь аймагына жер которууга мажбур болгон.

Енисей жергесинде алар өз эркиндигин сактап калыш үчүн күрөшүп, ал Кыргыз мамлекетинин калыптанышы менен жыйынтыкталган.

3.3. Кыргыз каганатынын түптөлүшү

Кыргыз башкаруучусунун кайсыл мезгилде «каган» титулун алгандыгы туурасында так маалымат жок. Енисейдеги кыргыз жазууларында да «каган» титулу кездешпейт. Ал эми араб, перс булактарында катталган хирхиз хаканы жөнүндөгү маалымат кыйла кеч мезгилди чагылдырат. Күл тегиндин эстелигинде – «Барс баг арти, каган ат бунта биз биртимиз – Барс бек болгон; ал убакта (ага) каган титулун ыйгардык» (Малов, 1951: 30) деген маалымат 710-жылга чейинки окуяны чагылдырат.

Чакан маалыматтык топтомго караганда түрк тилдүү калктардын мамлекеттик түзүлүшүндөгү жогорку бийлик саналган «каган» титулунун Кыргыз өлкөсүндө колдонууга алынышы, кыязы VII к. 50-жылдарынан башталса керек.

Жогоруда айтылгандай 648-ж. Тан ордосуна барган кыргыз башкаруучусу Шибоцюй Ачжань да али каган титулун алган эмес. Кыргыз өкүмдарынын жогорку бийлик титулу менен Борбордук Азиядагы саясий кырдаал ортосунда тыкыз байланыш болгондугун байкоо мүмкүн.

Белгилүү болгондой Биринчи Түрк каганатынын кыйрашы көчмөн талаадагы геосаясий кырдаалды толугу менен өзгөрткөн. Түрк калкы «табгач каганына элүү жыл өз эмгегин жана күчүн» (Малов, 1951: 38) берүүгө аргасыз болгон. Чыгыш Түрк каганатынын саясий күч катары жоюлушу Борбордук Азиядагы башка этностору сыяктуу эле, кыргыздардын саясий жактан күч алышына, кубаттуу мамлекет катары калыптанышына ыңгайлуу жагдай жараткан.

Жазма булак маалыматтарынын үзгүлтүктүү мүнөзүнө карабастан мындай жоромол жасоого толук негиз бар. «Тай-пин хуаньюй цзи» булагында «Юнхуй башкаруусунун 4-ж. (654–655) кыргыздар ордого дагы бир элчини салык төлөө үчүн жиберишти. Ал мурдагыдай эле: «Кытайдын өзүндө биздин көп адамдарыбыз бар. Акыркы каалоом, аларды мекенине жөнөтүп, Шоулинди тез арада жиберүүңөрдү суранам» деген» (Кюнер, 1961: 56).

Г. П. Супруненко «кыргыздар кандайдыр бир себептер менен Кытайда калган мекендештерин бошотуп алуу үчүн белек менен келишкендиги» туурасындагы кытай булагында айтылган маалымат 653-жылга туш келээрин белгилейт (Супруненко, 1974: 241). Кытай императору Гаоцзун кыргыздардын сыйына жооп ирээтинде, элчи Фань Цянды аларга кымкап бериш үчүн мол белек менен жөнөткөн.

Кытай булагында түшүнүктүү деңгээлде жазылган маалымат А. Байтурдун талдоосунда, «кыргыздар салык төлөш үчүн өз адамдарын 653-жылы Тан сарайына жөнөтүшүп, ханьдык кишилерди Кытайга ээрчитип келишкен» (Байтур, 1984: 316) деп жаңылыш жоромол жасалган.

Кыргыздар 676-ж. Кытай мамлекетине жылкыларды айдап келишкен (Супруненко, 1974: 241) жана мындай мамиле кийинки он жылдык арасында уланган. Кытай булактарында көрсөтүлгөн маалыматтар топтому, кыргыздардын Тан империясы менен тыкыс саясий жана соода, экономикалык байланыш кургандыгын далилдей алат. Мурдагыдай аларды кайсыдыр бир күч басып алгандыгы же чапкын жасагандыгы туурасындагы маалыматтар ордуна, аларды «кыргыз элчилиги» жөнүндө кабар алмаштырат. Тандык Кытай менен байланыш куруунун натыйжасында Кыргыз мамлекетинин жөндөмдүү жаштары Тан империясынан билим алууга шарт түзүлгөн. Кыргыздардын Тан империясынан өз адамдарын алып кетиш үчүн Кытай мамлекетине 653-ж. келиши, ал убагында билим алууга жөнөтүлгөн жаштар болушу толук ыктымал. Мындай жоромол жасоого бир канча объективдүү себеп бар. Кытай мамлекети жакын коңшуларын өзүнө тартуу максатында, империя борборунда чет элдик жаштарды окутуу иши жанданган. Кытай борборунда буга чейин VҮҮ к. башынан тарта чет жердик ак сөөктөрдүн балдарын окутуу практикаланып келген. «Эршиу ши» жазма булагына караганда бул мезгилде борбордо окуган Корё, Пэкче, Силла, Япония, Гаочан, Тибеттен келген балдардын саны 8 миңге жеткен (Крюков, Малявин, Софронов, 1984. : 268-269). Кытайдан билим алган балдар «Борбордук мамлекеттин» саясатын жүргүзүүгө ыңгайлуу шарт түзүп берген жана аны туйган империялык саясатчылар чет элдик «студенттердин» санын арттыруу аракетин жасашкан. Тан империясы өзүнө ыкташ мамлекеттерди иргеп, алардын келечегин аныктоо максатында «билимдүү кадрларды» даярдоого кызыкдар болгон.

Биздин пикирибизде кыргыздын жөндөмдүү жаштары да Тан борбору Чаньянда окуп билим алышкан. Бул жообубузга эки далилди келтирсек болот. Биринчиден, кытай жазма даректеринен кыргыз уландары жөнүндө азырынча маалымат жок болсо да, Енисей эстеликтеринде мындай жоромол жасоого негиз берген маалымат айтылат. «Бегре эстелигинде» кыргыздын чыгаан уулу Тер апа өзүнүн «бдш jдrүpmү jашда алынмышым» – «он беш жашымда кытай тарбиясына алындым» деп кабарлаган. Эстеликтин кийинки уландысында ал, «Бдш jдrүpmү jашымда табгач канга бардым др дрддмүм үчүн алпун алтун күмүшүг дrpүтд дl дд күшү казгандым» – «Өзүмдүн жөндөмдүүлүгүмө жана баатырдыгыма жараша он беш жашымда кытай императоруна бардым; (кытай) мамлекетинен алтын, күмүш, баалуу кездемелерди (жана) кишилерди алдым» (Малов, 1952: 33) деп кабарлайт. Тер апанын жөндөмдүүлүгү Кыргыз каганатында өз ордун тапкан жана ал үчрдкү мамлекеттик титулуна чейин көтөрүлгөн. Эстеликте кабарланган маалымат уңгусу жогоруда айтылган биздин жоромолду айгинелейт. Ал Тер апанын Табгач ханынан тарбия алуусу менен бирге, Кытай мамлекетинен адамдарды өзүнө чогулткандыгы. Ошондуктан, Тер апанын жасаган иши кытай булагында эскерилген, кыргыздар «өз адамдары борбордо экендигин билишкенде ар дайым келип турушкан» деген маалыматка үндөшүп кетет.

Экинчиден, кыргыздардын жөндөмдүү жаштары Тан Кытайында тарбиялангандыгын, Кыргыз каганатындагы мамлекеттик башкаруу аппаратынын Тан империясына окшоштугу тастыктайт. Е. И. Кычанов бул жагдайды мындайча мүнөздөйт: «Бардык түрк каганаттарынан айырмаланып Кыргыз каганатындагы башкаруу аппараты Кытай администрациясынын түзүлүшүн жеткиликтүү түрдө өздөрүнө кабыл алып ыңгайлаштырышкан» (Кычанов, 1991: 65).

Мындай тарыхый фактылар бекер жерден жаралбайт эмес жана аны эсепке албай коюуга мүмкүн эмес. Биздин пикирибизде, кыргыз жаштары Тан Кытайында билим алып тарбияланышкан жана Кыргыз каганатынын калыптанып, кубаттуу мамлекетке айланышына өз салымын кошушкан. Тер апанын Кытай мамлекетинен тарбия алгандыгы талашсыз маселе. Ал эми, Кытайдан «кишилерди алдым» жана кыргыздар «өз адамдары борбордо экендигин билишкенде ар дайым [Кытайга] келип турушкан» деген маалыматтар тегерегинде талдоо жүргүзүү зарыл.

Биринчи суроо, кыргыз мамлекетинин адамдары кандайча Кытайда калышы мүмкүн эле? Экинчиси, Кыргыз өлкөсү эмнеге аларды кайра алып кетиш үчүн атайын миссия жөнөтүп турушкан?

Биринчи суроо боюнча, адегенде ойго Кытайдагы кыргыз туткундары болгонбу, эгер андай экен алар кантип колго түшкөн деген суроо туулат. Арийне, кыргыз жана кытай мамилелеринин жүз жылдап калыптанган мамилесинде эки тарап ортосунда бир дагы согуш аракети жүргөн эмес. Ал түгүл, кыргыз жоокерлери түрк же уйгур аскерлеринин курамында Кытай мамлекетине каршы согушкан деген маалымат да жок. Тан династиясынын тышкы экспанциялык саясатына көчмөн калктардын өкүлдөрү тартылгандыгы маалым. Бирок жазма булактарда кыргыздардын катышкандыгы туурасында эч бир маалымат жок.

Анда кыргыз калкынын өкүлдөрү Кытайга соода жасап барып калып калганбы деген ой кетет. Андай экен соодагерлердин кол тийгизбестиги туурасындагы жазылбаган эл аралык норманы кантебиз? Орто кылымдагы мамлекеттер ортосунда калыптанган мамилеге ылайык соода миссиясы туткунга алынган эмес жана кербен жүргөн өлкө ага колдон келген жардамын берген. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрү Кытайда туткун да, соода жасап барып да калышы мүмкүн эмес деп так кесе айта алабыз.

Демек, Кытай мамлекетинде калган кыргыздардын абалы ал атайын миссия менен жиберилген кишилер гана болушу мүмкүн. Ошондо барып ал мамлекеттик деңгээлдеги проблемага айланат эмеспи. Мамлекет тарабынан жиберилген миссия гана жогорку деңгээлде чечилет. Ошондуктан маселе түйүнү кайра келип экинчи суроого жооп берет. Ал кыргыздар курган өлкө мамлекеттик саясат жүргүзгөндүгүн далилдейт. Кыргыз мамлекети билимдүү кадрларды тарбиялаш үчүн алыскы Кытайга жаштарды жөнөтүп турушкан. Билим алган адамдарды кайра мекенине жеткириш үчүн мамлекеттик деңгээлде кам көрүлгөн. Эгер, Кыргыз каганаты менен Кытай мамлекетинин ортосундагы аралык жана ал мейкиндикте орун алган күтүүсүз күчтөрдү эске алсак, анда ал саясаттын баасын билебиз!

Бегре эстелигинин каарманы Кытай мамлекетинде кайсыл убакта билим алышы мүмкүн эле деген суроо туулат. Бул суроонун учугу Кытай мамлекетинин чет элдик «студенттерди» даярдоо саясаты менен тыкыс байланышы бар. Тан борборунда тарбиялангандардын көбү империяга мамилеси түз болгон эмес. Империялык чиновник Сэ Дэн мамлекеттин кадр даярдоо саясатын туура көрбөй 691-ж. атайын билдирүү даярдаган. Билдирүүдө: «Ал мезгилде (VII к. аягы М. К.) борбордо ак үйлүү балдар төрт тараптан келип жашачу. Алардын ичинде Лунь Цинлин (тибет аскер башчысы), Ашидэ Юаньчжень жана Сунь Ваньжун (кидань аскер башчысы) болушкан. Алар ордодо жүрүп Борбордук мамлекеттин мыйзамдарын окуп үйрөнүшүп, үйлөрүнө жеткенде, сөзсүз биздин чек арадагы аймактарыбызга зыян келтиришкен».

Сэ Дэндин чет жердик жаштарды окутуудан баш тартыш керек деген сунушу, империяны башкаруучуларынын көз жаздымында калбашы керек эле. Себеби, 679-жылдан тарта кайрадан калыптана баштаган Экинчи Чыгыш Түрк каганаты Тан Кытайын кооптондурбай койгон эмес. Ошондуктан, кыргыз жаштарынын Кытай мамлекетинен билим ала турган мезгили яньшивэй Ван-и Хундун 632жылы Кыргыз өлкөсүнө жасаган биринчи элчилик убагында даярдалып, ал маселе оң чечилген окшойт. Анын логикалык натыйжасы, кыргыз башкаруучусу Шибоцюй Ачжандын 648-жылы Тан ордосуна жасаган элчилиги менен жыйынтыкталган (Кожобеков, 1992: 51).

Кыргыз коомунун биригип күч алышы VII к. туш келет. Ал эми бул жүз жылдыктын 80-жж. алар Борбордук Азияга өз үстөмдүгүн орнотууга аракет жасаган түрктөрдүн атаандаштары болуп калышкан (Крюков, Малявин, Софронов, 1984: 72). Аталган илимпоздордун мындай так байкоосу кыргызтаануу менен алектенген башка адистердин эмгектеринде азырынча байкала элек. Биз дагы, 679-ж. тарта кайра жандана баштаган Экинчи Чыгыш түрк каганатына чейин эле, Кыргыз каганаттыгы калыптанып, Борбордук Азиядагы кубаттуу саясий этникалык топко айланган деген пикирге кошулабыз. Белгисиз мезгилди чагылдырган кытай жазма булагындагы кыргыздар «кубаттуу мамлекет болушкан, жеринин көлөмү тукюелердикине (түрктөргө – М. К.) тең келет» (Бичурин, 1950: 354) деген маалымат ушул мезгилди чагылдырышы да мүмкүн. Жазма маалыматтын кийинки уландысында кыргыз жергесинин чыгышы – Гулиганга (курыкан – М. К.), түштүгү – Тибетке чейин, түштүк – батышы Гелолуга (карлуктарга – М.К.) чейин таркагандыгы кабарланат.

Кытай булагындагы бул маалыматка талдоо жүргүзгөн адистер, анын хронологиясын дароо Кыргыз Улуу державалык мезгилине чегерип жүрүшөт. Бир гана академик В.В. Бартольддун «Кыргыздар» эмгегинде, алардын чыгыш чегарасы Байкал көлүнүн айланасында жашаган гулигань, Орхон эстеликтеринде курыкан түрүндө катталган калкка чейин жеткендиги эске алынат. Академиктин калыс баамдоосуна ылайык, кыргыздардын ээлиги Байкалга чейинки эбегейсиз аймакты кучагына алган. Ошондуктан алар күч кубаты артып турган түрк-огуздар менен да теңтайлаша алмак (Бартольд, 1963: 486). Бирок В.В. Бартольддун эмгегинде кыргыздардын батыш чеги карлуктар менен Тибетке жеткендиги туурасында эске алынган эмес.

Ооба, жазма булак маалыматтардын бул түрмөгү Кыргыздардын Улуу державалык мезгилине да шайкеш келет. Анын себеби да, кыргыздар 843-ж. Чыгыш Түркстан аймагына жетип, карлук жана Тибеттин коңшусу болгон. Бирок, мындай мамиле биринчиден, тарыхый анохронизмге алып келээри бышык. Кыргыздардын IX–X кк. Чыгыш Түркстандагы абалына, кийин дагы кайрылабыз, ошондуктан азырынча чыгыш авторлорунун эмгектеринен, кыргыздардын Тибет менен коңшу жашагандыгы жөнүндө маалыматтын жок экендигин белгилөө менен чектелип турсак.

Экинчиден, кыргыздардын кубаттуу мамлекетке айланган мезгили Түрк каганатынын зоболосу жаңыдан көтөрүлө баштаган учурга туш келгени жазма булакта чагылдырылып турбайбы. Ал гана эмес, кытай жазма булактарынын баяндоосуна караганда, Түрк башкаруу Үйү кыргыз башкаруучусуна кызын күйөөгө берип турушкан. Биз мында династиялык үйлөнүү саясаты теңтайлаш гана тараптар арасында боло тургандыгын белгилей кетмекчибиз. Кыргыз каганатынын кубаттуу мамлекетке жеткендигин далилдей турган дагы бир окуя катары, кыргыз элчиси Эрен Улугдун Тибетке жасаган элчилик миссиясын айтсак жетиштүү. Кыязы, кыргыз-тибет байланышынын башаты 692-жылга чейин эле калыптанса керек. Себеби, кытайлыктардын 692-ж. Чыгыш Түркстанда Тибетти жеңишинен улам, акыркынын чөлкөмдөгү бийлиги дээрлик жокко чыгарылат (Восточный Туркестан, 1992: 161).

Кыргыз мамлекетинин Борбордук Азиядагы олуттуу саясий күчкө айланышынын дагы бир себеби, ал тарыхый инсан факторуна байланышкан. Кыргыз каганатынын калыптаныш башатында, албетте 648-ж. Кытай ордосуна барып, император менен сүйлөшүү жүргүзгөн Шибоцюй Ачжань турат. Шибоцюй Ачжань кыргыз элчилигин өзү жетектеп, Кытай мамлекети менен натыйжалуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Башында император Тай цзунга кыргыз өкүмдарынын мамилеси жаккан эмес. Эки тараптуу «бейформал» сүйлөшүү маалындагы императордун кытай чиновниктерине: «арбын кызмат өтөгөндүгүнө догурунган үч тукюеликтин баштары мурда Вэй-цяо көпүрөсүндө алынган. Азыр, Сылифа дасторкондон өзүн жоготуп баратат окшойт» деп эскертүүсүнө карабастан, Сылифа Шибоцюй Ачжань башын эле аман сактап калбастан, ал Кыргыз мамлекетинин келечектеги өнүгүү багытын аныктаган миссияны аткарган. Шибоцюй Ачжандын алыска сапар аттанып, опурталдуу жолго чыдаган жана дасторкондогу «шайыр» мүнөзүнө караганда, ал баралына келген жаш саясатчы болгон. Балким, бул маалда анын жашы отузга чамалап, андан кийин Шибоцюй Ачжань Кыргыз мамлекетин узак жылдарга жетектеши толук ыктымал.

Шибоцюй Ачжандан бийликти мурастаган Барс бек такты жаш курагында эле ээлеген окшойт. Барс бектин активдүү тышкы саясаты менен түрк каганынын карындашына үйлөнгөн фактыга караганда, VII кылымдын соңунда анын жашы 30–40 арасына чамаласа керек.

Ошондуктан бул даректин да өзүнүн тарыхый доору бар. Ал маалымат түрмөгүн тактоодо кыргыздардын түштүк чеги – Тибетке чейин, түштүк – батышы Гелолуга (карлуктарга – М. К.) чейин жеткен деген факт көмөк көрсөтөөрү бышык.

Кытай жана Тибет жылнаамаларына караганда Тибеттин Чыгыш Түркстан аймагын басып алуусу 670-ж. чейин созулган (Восточный Туркестан, 1992: 167–171; Малявкин, 1992: 133; Кычанов, Савицкий, 1975: 40–43). Кытай жазма булактарын кылдат изилдеп чыккан. А.Г. Малявкиндин иликтөөсүндө тибет аскерлеринин Жунгария жана Батыш Түрк каганатынын башка жерлерин басып алгандыгы көрсөтүлгөн (Малявкин, 1981: 178, 201–202). Тибет бийлигинин Жунгарияга чейин тарагандыгын эске алсак, анда бул мезгилде Кыргыз каганатынын ээлиги Чыгыш Түркстанга чейин жетип, алардын таасири Жунгарияда чектешиши мүмкүн.

Кыргыздардын түштүк-батышы Гелолуга (карлуктарга – М. К.) чейин жеткендигин көрсөткөн жазма булак маалымат кыргыздар менен карлуктардын чектешкендигин далилдей алат. Карлуктар бул мезгилде Жунгария, Чыгыш Казакстан жана Алтай (Монгол Алтайына) чейинки аймакты ээлеген күчтүү уруу бирикмеси эсептелген (Кляшторный, Султанов, 2000: 100). Кытай булактарына караганда карлуктардын үч уруусунун эң ирисинин бири эсептелген моулолор VII к. экинчи жарымында Борохоро тоо кыркасында көчүп жүрүшкөн. Чисы уруусу болсо Монгол Алтай тоосунун батыш тарабын ээлеген Карлуктардын дагы бир күчтүү уруусу болгон ташилилер Баркуль кырка тоосунун батышыраак тарабын ээлеген (Малявкин, 1981: 186–188). Кытай жазма булактарынын маалыматтарында карлуктар VIII к. орто ченине дейре Монгол Алтай тоосунун батыш тарабында ээлик кылып турушкан.

Мисал катары келтирилген маалыматтардын контексинде Кыргыз өлкөсүнүн Экинчи Чыгыш Түрк каганатына чейин эле кубаттуу мамлекетке айлангандыгын далилдей турган тарыхый факт камтылган. Белгилүү археолог Д.Г. Савинов да Экинчи Чыгыш Түрк каганаты маалында кыргыздар күчтүү жана эркин мамлекетке айланып, Борбордук Азиянын саясий окуяларында активдүү роль ойногондугун белгилейт (Кляшторный, Савинов, 2005: 254). Ошондуктан Кыргыз каганатынын баштапкы калыптаныш этабында, анын саясий таасири чыгышында Байкал жана батыш тарабында Чыгыш Түркстанга чейин тараган деген маалыматты тарыхый факт катары кабыл алсак болот.

Кайра мекенине кайтып келген Ильтерес каган жана анын мураскору Капаган каган Өтүкен черин VII к. акыркы он жылдыгына чейин ээлегенге жетишет. Бул маалда Тибет мамлекети Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын душманы катары эсептелбейт жана мындай маалымат Орхон эстеликтеринде катталган эмес.

Байыркы түрк руникалык жазууларын изилдеген тюрколог С. Г. Кляшторныйдын эмгегинде бул саясий жагдай эске алынган эмес. Окумуштуу чөлкөмдөгү геосаясий кырдаалды эске албастан коңшулаш аз, чик, кыргыздардын күчтүү жана уюшкан аскери жок болгондугуна байланыштуу, Өтүкендик каган Монголия түгүл Түштүк Сибирь жана Түштүк-Батыш Манчжурия аймагына өз таасирин орноткон (Кляшторный, 1964: 34) деп жыйынтык чыгарат. Анткен менен мындай жоромол тарыхый реалдуулуктан алыс экендигин эскерте кетүү зарыл.

Тонйукуктун айтуусуна караганда, Экинчи Чыгыш Түрк каганатын негиздөөчүлөрү Өтүкен черине көчүп келишкенде алардын 2 миң эле аскери болгон (Малов, 1951: 66). Түрк башкаруучулары ошондуктан кырдаалды кылдат баамдап, кыргыз каганына маркум Ильтерес кагандын кызын күйөөгө берсе керек. Кыргыз каганатынын саясий жактан күчтүү абалын түрктөр өздөрү деле моюнга алышкан. Аны Орхон эстеликтеринде катталган кубаттуу Тан империясы менен бирдикте кыргыздардын эң күчтүү душман катары көрсөтүлгөн факт далилдейт. Көчмөн талаадагы кыргыз жана түрктөрдүн саясий кызыкчылыгынын келишпестиги VII к. соңуна туш келет. Себеби, буга чейин каганат катары калыптанган Кыргыз мамлекетине түрктөрдүн көчмөн талаага кайрадан үстөмдүк орнотуу амбициясы жаккан эмес. Түрктөр да мурдагы саясий таасири үчүн күрөшүп, эми ал мейкиндикти башкалар ээлегендигине күбө болушкан. Кыргыз каганатынын күч алышына дагы бир кыйыр фактор маанилүү роль ойногон. Ал көчмөн талаадагы геосаясий тең салмактуулуктун сакталышы жана Кытай мамлекетинин таасири эсептелинет. Күчтөрдүн балансы Биринчи Чыгыш Түрк каганатынын кулашы, сеяньтолордун талкаланышы аркылуу жетишилген жана ага Тан династиясынын түздөн-түз тиешеси болгон. Кытай өлкөсү ал үчүн кыргыздардын күчүн пайдаланган жана алардын мамлекетин келиштирүүгө салым кошкон. Эки тараптуу саясий жана дипломатиялык мамиленин натыйжасында Кыргыз каганатынын башкаруу аппараты Тан династиясынын шекили сыяктуу уюшулуп, ал аракеттин натыйжасы ийкемдүү саясат жүргүзүүгө жол ачкан.

Кытай жазма булактары боюнча Экинчи Чыгыш Түрк каганатына бийликке Мочжо, ал эми руникалык эстеликтерде Капаган каган (691–716 жж.) (Бичурин, 1950: 268; Мелиоранский, 1898: 265) келгенден тарта, каганаттын согуштук-саясий күчү арткан.

Айрым окуу китептеринде эмнегедир бул жагдай эске алынбай, кырдаалга жаңылыш баа берилип келет. Алсак, В. М. Плоских жана В. П. Мокрынин түрктөрдүн Енисей аймагына жасаган алгачкы жортуулун «тегин (кийин каган болгон) Бильге жасап, ал натыйжасыз аяктаган. Каршылашкан тараптар тынчтык келишим түзүшкөн. Шартташууга ылайык каган Барс бектин каган экендигин таанып, ага карындашын күйөөгө берген», (Плоских, Мокрынин, 1992: 32–33) деген тыянак чыгарышат. Кытай жана Орхон-Енисей жазма эстеликтеринде мындай жортуул жана жетишилген келишим туурасында бир да маалымат кездешпейт. Кыязы, алар Күл тегин эстелигиндеги «Баз татарлар, кидандар жана татабилер бардыгы бизге душман эле» (Малов, 1950: 33) деген маалыматтын жана Тонйукуктун токуз огуздарды алгач талкалайлы деп каганды ынандырып жортуулга чыккан окуя менен чаташтырышса керек. Муну менен бирге аталган авторлордун кыргыздар эми түрк мамлекетине карата лоялдуу болобуз деп ишендирген (Плоских, Мокрынин, 1992: 32–33) «жоромолу» да жаңылыш экендигин белгилей кетмечибиз. Балким, алар үчүн Барс бекке кагандык титулду түрк өкүмдарлары ыйгарган деген маалымат көрсөтмө багыт катары роль ойносо керек. Белгилей кетчү жагдай, эгер чындап эле Барс бек кагандык титулду Түрк мамлекет башкаруучуларынын колунан алса, анда согуш же жортуулу жок деле, ынтымакка келип жасаса болбойт беле?

Балким, жазма булакта чагылдырылбай калган сүйлөшүү жүрсө жүргөндүр; бирок кыргыздардын түрк мамлекетине карата лоялдуу болушу тарыхый нонсенс экендигин кийинки саясий кырдаалдын өнүгүшү ачык айгинелейт. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, ал Борбордук Азиядагы дипломатиянын кошумча куралы эсептелген династиялык үйлөнүү салты. Мамлекет башкаруучусуна кыз берүү байыркы дунхулардын Маодунь-шаньюйдан кыз сурап кыр көрсөткөндөй эле көрүнүш. Калыптанган салтка ылайык кыз берген тарап күйөө тарапка саясий үстөмдүк көрсөтө алган эмес. Кыз берүү жолу менен саясий келишим түзүү эрте орто кылымдар мезгилинде эчен сыноодон өткөн саясий дипломатиянын бир түрү болгон. Ошол себептен жаңыдан күч алып келе жаткан Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын башкаруучулары кыз берүү жолу менен Борбордук Азиядагы олуттуу согуштук жана саясий күч эсептелген Кыргыз каганаты менен дипломатиялык ынтымак курууга умтулушкан. Ал эми, Күл тегин эстелигиндеги «Барс бекке каган наамын биз бергенбиз» деген саптар, ал тек гана Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын кубаттуу учурунун элеси жана тюркоцентризмдин көрүнүшү катары бааланышы керек.

Кыргыз каганатынын кийинки тарых барагы Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын баскынчылык саясаты менен тыкыс байланышкан. Кыязы, Кыргыз жана Түрк каганаттарынын ортосундагы атаандашуу VIII к. башталышында эң жогорку чегине жеткен. Акылман Тонйукуктун белгилөөсүнө караганда «Табгач элинин каганы биздин душманыбыз эле, «он ок» (элинин) каганы биздин душманыбыз эле.

Бирок баарынан да коркунучтуу душманыбыз күчтүү кыргыз каганы болгон. Бул үч каган ойлонушуп, чогуу Алтун черине (жортуулга) чыгабыз деп айтышты. Ошентип, ойлонушуп чыгышка, түрк каганына каршы жортуулга барабыз деп айтышты. Эгер, биз ага каршы барбасак, кандай болсо да ал бизди (жеңет).

Үчөөбүз болуп биригип жортуулга чыгып, аны жоготобуз деп айтышты (алар). Түргөш каганы мындай деди: «Менин элим ал жакта болот» деп айтты ал» (Малов, 1950: 66).

Бильге кагандын эстелигиндеги жазууда, үчтүктөр коалициясынын курулган мезгили мындайча баяндалат: «Качан мага жыйырма алты жаш болгондо, чик эли кыргыздар менен (мага) душман болушту» (Малов, 1959: 16). Эстеликтеги маалымат нугунан эки нерсе маалым болот. Анын биринчиси, коалицияга кыргыздарга баш ийген Жогорку Енисей өрөөнүндө жашаган чик менен аздар да кошулушкан. Экинчиси, ал Кытай жазууларында Могилян каган деп айтылган, ал эми түрк руникалык эстеликтеринде Бельге кагандын жыйырма алтыга келген курагы 709-жылга туш келет. Бильге кагандын эстелигинде айтылган үчтүктөр коалициясынын курулушу 709-жыл менен белгиленет. Арийне, бул дата үчтүктөр биримдигинин курулуп да, Түрк каганатына каршы согуш ачабыз деп сөз бүткөн жылды да көрсөтөт.

Эгерде, Тан империясынын саясатына карасак коалицияны курууга мурдатан эле камылга көрүлсө керек. Вассалдык мамлекеттер палатасынын президенти Цзан Сы-янь империянын иштери менен 707-ж. Түндүк Монголияга келген. Көп өтпөй эле огуз урууларынын бири байыркулар көтөрүлүш чыгарышкан. Шектенген Капаган каган Цзан Сы-янды кармап жазага тарттырган (Кляшторный, 1964: 138). Бул да император Чжунцзундун Экинчи Чыгыш Түрк каганатын жок кылуу саясатынын бир багытына кирген. Анын буйругу боюнча империянын жогорку тармагындагы ар бир чиновник «жапайыларды ооздуктоо» планына тартылышкан.

Мындай шартта Кыргыз каганатынын Кытайга жөнөткөн элчилиги бекеринен 707-жылга туш келбесе керек. Алдын ала сүйлөшүүлөр ушул жылга туштай жасалган окшойт. Негизинен, кыргыздардын бул мезгилде активдүү тышкы саясат жүргүзгөндүгүн, балким түрктөргө каршы коалиция куруунун демилгечилери болгондугун төмөнкү даректер далилдей алат. Кыргыздар 709-ж. дагы бир ирет император Чжунцзунга элчиликке келип кеткен.

Эгерде, Тонйукуктун эстелигиндеги «Түргөш каганы мындай деди: «Менин элим ал жакта болот», же үчтүктөрдүн чечими боюнча түрктөргө каршы жортуулга чыгат дегенин эске алсак, анда «Туба жазуусунун каарманы Эзгененин [typгүc al] Түргөш мамлекетине баргандыгын ушул жылдар менен байланыштырыш керек. Мында «Тонйукук эстелигиндеги «түргөш каганынын ал жакка барамын» деп сөз бергенине караганда, Енисей руникалык жазуусундагы Эзгененин түргөштөргө келиши атайын бир миссиядан кабар берет. Балким, кыргыз элчиси түргөштөргө келип, жортуулдун күнүн бекемдеген сүйлөшүү жүргүзүшү мүмкүн. Кыргыз каганы Барс бектин тышкы саясий активдүүлүгүнөн улам, аны түрк башкаруучулары айрыкча коркунучтуу душман деп атагандыгы ушул окуяларга байланыштуу. Мындай жоромол жасоого кыргыз элчилигинин Кытай, Түргөш жана Тибет мамлекеттерине бир маалда жөнөтүлүшү негиз берет.

Тонйукуктун эстелигинде дагы бир баалуу маалымат кездешет. Акылман Тонйукук «түрк эли болсо дүрбөлөңгө түшүп, алардын огуздары болсо чачылып кеткен деп айтты ал» (Малов, 1951: 62) деп белгилейт. Капагандын каганатындагы ички кырдаал бул маалда кооптонууга негиз берчүдөй түр алып, балким ал жагдайдан душмандар толук кабардар болгон окшойт. Ошол себептен, даанышман Тонйукуктун «күнү-түнү уйкусу качып», ойлонуп-толгонуудан кийин, каганды биринчи кыргыздарга жортуул жасоого көндүргөн.

Экинчи Чыгыш түрк каганаты үчүн кыргыз коркунучунун күчүн төмөнкү эки мисал аркылуу билсек болот. Биринчиден, кыргыз жергесине алып барчу жол Саян тоосун ашып же аны айланып өткөн. Түз кеткен жол албетте кыска, бирок ал кыш айлары эмес жай мезгили үчүн гана ыңгайлуу болгон. Экинчиден, көчмөн калктардын согуш стратегиясы ыкчам атчан армиянын күчүнө негизделгендиктен, жортуул адатта жай мезгилинде жасалган. Аргымактар жайлоонун тулаң чөбүнөн эт байласа, жоокер эрлер кымыз ичип, кылыч чаап аскердик өнөрүн келиштире машыгышкан. Мындайынан алганда эки табигый жагдай бирдей келип түрктөрдүн кол салуусуна каршы турган. Ошентсе да түрк башкаруучулары ызгаар суукка жана Саян тоосунун адам өткүс ашуусуна кайыл болуп, жортуулду 710-жылдын кыш айында жасоо керек деген бүтүмгө келишет. Шашылыш жортуулдун себеби, ал үчтүктөр биримдиги чыгыш түрктөргө каршы согушту 711-к. жай айына белгилеши эсептелинет. Түрк аскер стратегдери мындай амал менен кыш убагында жортуул жасалаарын күтбөгөн кыргыздарды биринчи болуп талкалоону пландаштырган. Мындай жортуулдун дагы бир башка тарабы, үчтүктөр коалициясынын планын бузуп, алардын күчтөрүн бириктирбей жалгыздап талкалоодо турат.

Кыргыздарга каршы согушка аттанган маалда Күл тегин 26 жашка (685-ж. туулган). Могилянь 27 жашка (684-ж. туулган) чыккан экен. Бул дата 710-жылга туш келет. Акылман Тонйукук кыргыз жергесине алып барчу жолду иликтеп, кыш мезгилинде Көгмен тоосу аркылуу жалгыз жол кетээрин аныктаган. Жол көрсөткүч адамды ал «аз» элинен тапкан. Жол көрсөткүч, Кыргыз өлкөсүн карай Аны өзөнүнүн бою менен жүрсө бир өргүүлүк жер бар экендигин жана алардын жатагына чейин бир ат жүрүшүндөй аралык калаарын билдирген. Тонйукук жол чалгынын алган соң, каганды кыш мезгилинде Көгмен аркылуу кыргыздарга чапкын жасоого көндүргөн. Түрк колу Ак Тэрмэл суусун кечип өткөн соң өргүүгө чогулган. Андан ары кол тоо таянып ашууга багыт алган. Кар калыңдыгынан минген аттар баспай, жетелегенге туура келген. Кар улам калыңдагандан калыңдап отуруп аскер түгүл аттар баса албай калганда, чубатма жасаш үчүн алдыңкы катардагы жоокерлер кар таптап калгандарга өтмөк жасаганга туура келген. Жоокерлер жоого сунчу найзасын таяк ордуна колдонуп, жалама зоо, жалгыз аяк жол менен нечендеген азап тартып отуруп Көгмендин кырына чыгышкан. Түрк жоокерлери ушундай эле кыйынчылык менен он күн дегенде тоодон ылдый түшүшкөн. Жолдон адаштырган деп айыпталган аз элинин «жергиликтүү жол көрсөткүчү» өлтүрүлөт. Аскердин кыйналганын көргөн каган, аны өзөнүн бойлоп ылдам жолго аттангыла деп буйрук берген. Түрк жоокерлери каган айткандай Аны өзөнүн бойлоп жүрүп отуруп, мерчемдүү бир жерден колдун саны такталган. Андан ары алар «күн-түн дебей чапкылаган жүрүш менен кыргыздар «уйкуда жатканда» кол салышкан (Малов, 1951: 62).

Күл тегин, Тонйукук жана Бильге каган эстеликтеринде кыргыз-түрк согушу эки этап менен жүргөндүгү байкалат. Күл тегин эстелигинде: «Кыргыз калкын уйкуда жатканда талкаладык; алардын каганы менен Сунга черинде салгылаштык» (Кт-35). Тонйукукта – «Кыргыздарга уктап жатканда кол салдык. Алардын ханы жана аскерлери чогулушту. Биз согушуп (аларды) жеңдик» (Тон-27, 28). Бильге каган эстелигинде – «Көгмен черин ашып (ал жакта) кыргыз калкын жеңдим, алар уктап жатышканда. Алардын ханы менен Сунга черинде салгылаштым» (БК27) деп айтылат.

Жазма булак маалыматтарына караганда, түрк колу алгач бейкапар жаткан чет жакадагы кыргыздарга кол салып, улам илгерилеп отуруп Суңга боюнда шашылыш жыйналган Барс бек кагандын колу менен согушкан.

Орхон эстеликтеринде окуя нугу төмөнкүдөй кабарланат. Күл тегин эстелигинде: «Кыргыз каганын өлтүрүп, калкын бастык» (Кт-36). Тонйукук жазуусунда – «Алардын ханын биз өлтүрдүк. Кыргыз калкы кагандын карамагына кирип, (ага) баш ийди.» (Тон-27, 28). Бильге каган эстелигинде – «Ханын өлтүрүп, ал жактан анын калкын (же мамлекетин) ээледим» (БК-27).

Мекенин коргогон согуш Барс бек каган жана ал жетектеген аскерге ийгилик алып келген эмес. Кыргыз колу жеңилип, Барс бек шейит учкан. Орхон эстеликтеринде кыргыз өлкөсү өз алдынчалыгын жоготкон дегендей маалымат камтылат. Ошондуктан кыргыз-түрк согушунун тегерегинде жасалган айрым изилдөөлөр илимий тактоону талап кылат.

Биринчи кайрылчу маселе, Л. Р. Кызласовдун «хакас» термини менен «кыргыз» этнонимин чаташтыруусунан пайда болгон жоромол. Автор, эмнегедир Күл тегиндин эстелигине шилтеме жасап «түрктөр кыргыз Барс каганы эмес башында хакас ханы турган байыркы хакас аскери менен беттешкен. Ушул (Хакас – М.К.) хан салгылашта өлтүрүлгөн» (Кызласов, 1984: 10) деп тыянак чыгарат. Л.Р. Кызласовдун изилдөөлөрүндө орун алган мындай жаңылыштыктары менен кыргызтаанууга катышы бар илимпоздор жакшы тааныш жана ал көз караштын бир жактуу адашуу экендиги белгиленген (Караев, 1970: 225–259; Караев, 1972: 122–136; Сердобов, 1971: 53–58; Худяков).

Экинчи маселе, С. Г. Кляшторныйдын Алтын Көл эстелигин кайрадан иликтеп, андан таңкалыштуу тыянак чыгарышы эсептелет. Окумуштуунун «Стелы Золотого озера» макаласында, Алтын Көл эстелигинин 6-сабы төмөнкүдөй которулган: «Алты эрди өзүң менен алган жоксуң, өз атыңды албадың, өзүң менен үч идишти албадың». Тюрколог андан төмөнкүдөй жыйынтык чыгарат: «Бул саптагы билдирүү түшүнүгүнө караганда, уруш майданында кайтыш болгон баатырдын сөөгү ардакталып көмүлбөй калган. Эпитафия каарманы көп сандаган душман менен теңсиз согушта курман болуп, анын мамлекети ырайымсыз жеңилгендиктен, хан тегинен чыккан жоокерди сактап калмак түгүл, анын сөөгүн салтка ылайык көмө алышкан эмес» (Кляшторный, 1976: 265).

Изилдөө тыянагынын талаш жаратуучу нугуна карабастан, анын жактоочулары да жок эмес. Жогорку окуу жайлары үчүн даярдалган «История кыргызов» китепчесинде, ал түгүл Барс бек кагандын сөөгү табылбай калган деген бүтүм чыгарылат (Плоских, Мокрынин, 1992: 34–35).

Алтын Көл эстелигинде тарыхый булактык эле эмес, кошоктук-поэтикалык жанр орун алганын эстен чыгарбоо зарыл. Албетте, эстеликтин негизги мазмунунда Барс бекти эскерүү менен анын өлүмүнө байланышкан кайгыруу камтылат. Ошондой эле Алтын Көл эстелигинин татаал түзүлүшүн баамдап, жазууну ушу бойдон эле окулуп бүттү деп чекит коюуга мүмкүн эмес.

Ошондуктан кыргыз-түрк согушу менен Барс бек кагандын өлүмүнө байланышкан окуя нугун башкача кароого негиз бар.

  • Экинчи Чыгыш Түрк каганаты Барс бек каган жетектеген Кыргыз мамлекетинин жана куралдуу күчүнүн кубатын сестенгендиктен, балким ачык согушта жеңип чыгуу ишениминин жоктугунан улам, кыйынчылык менен шашылыш сапарга чыгышкан. Алар кыргыздар бейкапар жаткан маалында кол салышкан.
  • Кыргыз мамлекети оор жеңилишке учураган. Анын объективдүү себептери, салттуу согуш стратегиясына байланышкан. Кыргыздар кыш мезгилинде жортуул жасалышын күткөн эмес. Мындан улам алар, тескерисинче кийинки жазда түрктөргө кол салабыз деген ишенимде бейкам жатышкан.
  • Алтын Көл эстелигиндеги алты эрди албадың деген баяндоо багыты, ал Кыргыз каганатынын саясий системасы менен салттуу согуштук түшүнүгүнөн кабар бериши толук ыктымал. Руникалык булактарга караганда, Кыргыз каганаты алты бектиктен куралган. Алтын Көл эстелигинде баяндалган окуяда, Барс бек алты бектикке толук кабар жеткире албай, баардык баатырлар чогулбай калгандыгына өкүнгөндүгү чагылдырылса керек.
  • Өз аргымагыңды албадың деген маалымат болсо, ал кыргыз аскеринин чапкынга толук кандуу камылга көрө албагандыгын көрсөтөөрү бышык. Көчмөн калктын турмушу үчүн жана жоокерчилик убакта жоокердин аргымагы айрыкча бааланган эмеспи. «Ат адамдын канаты» дегендей, жоокердин даярдыгы биринчи кезекте минген аргымакка байланышкан. Согушка болгон камылга жай мезгилинде көрүлүп, жылкы бош коё берилген. Жайлоонун тулаң чөбүнө семирген аргымак күзгө чукулдай табына келген. Барс бек кышкы ызгаарда ким келмек эле дегендей жоодон бейкам жатканы «биз кыргыздарды уйкуда жатканда бастык» деген саптар менен далилденет.
  • Алтын Көл эстелигиндеги үч идишти өзүң менен кошо алган жоксуң деген сап да Кыргыз каганатынын саясий системасынан кабар бериши толук ыктымал. Кыргыз каганаты алты бектик жана үч тутуктукка бөлүнгөнү маалым. Эстелик каарманын эскерген калк эмне үчүн Барс бектин «алты эр жана үч идишти өзү менен кошо албагандыгына» өкүнгөн? Кыязы, ал алты бектиктен жоокер чогултулбай, үч тутуктуктан аскер үчүн тамак-аш камсыз кыла албагандыгынан деген жогоруда ар да экендиги маалым нерсе. Бул да болсо эстеликтеги баатыр өз атына жетпей, согушка, толук кандуу даярдык көрө албай калгандыгын кайгыруу менен баяндаганынын далили эмеспи.

Тээ байыркы мезгилден сюннулардын тарыхынан белгилүү болгондой көзү өткөн маркумдун сөөгүнө (арбагына) сый мамиле жасалганы маалым. «Хань шу» булагында кабарлангандай маркум шаньюйдун мүрзөсүн ухуандар казып, мазактагандыгы үчүн алар оор жазага тартылышкан. Хуннулар дароо ухуандарга кол салып, аларды тыптыйпыл талкалашкан. Ушул окуядан кийин ухуань аталышы тарыхтан өчкөн. Туңгуч кыргыз тарыхчыларынын бири эсептелген Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча кыргыз салтында жоокердин сөөгүн душмандын колунда калтыруу намыска тие турган көрүнүш эсептелген. Жоокер эрдин сөөгү душмандын колунда калбашы үчүн эти шылынып сөөгү болсо элине алып келинип урматталып коюлганы маалым. Ушундай эле мамилени Улуу Манас кайтыш болгондо, Каныкейдин маркумду аздектеп жашыруун көмгөндүгүнөн билсек болот.

Эгерде, айтылган далилдер жетиштүү болсо, анда С.Г. Кляшторный жана В.М. Плоских, В.П. Мокрыниндин Барс бек кагандын сөөгү коюлбай калган же табышмактуу жоголуп кеткен деген жоромолун кабыл алуу мүмкүн эмес.

Дагы бир көңүл бурчу маселе, Кыргыз каганатынын түрктөрдүн кол салуусунан кийинки тагдыры кандай болгон? Күл тегин, Тонйукук, Билге кагандын эстеликтеринде бирдей – Кыргыз каганын өлтүрүп, кыргыз калкын багынттык (КТ-36, Тон-27, БК-27) деп жазылат. Күл тегин эстелигинде түрк калктарынын жоокердик салтына ылайык, Капаган кагандын урматына деп кыргыз каганынын «балбалын» койдурдум (КТ-25) деп эскерилет.

Руникалык жазууларда Кыргыз каганаты оор жеңилүүгө дуушар болгондугу кабарланат. Айрым изилдөөлөрдө «кыргыздардын Сунга чериндеги салгылашта жеңилиши бардык элдин тагдырына кайгы-муң алып келген. Отуз жылдан ашык убакытка мурдагыдай эле Енисейде (Улук Кемде) түрк чептери орноп, дагы эле салык чогултулуп, тоо кенчилер руда алып, темир эритип, курч кылычтарды жасоого мажбур болушкан» (Плоских, Мокрынин, 1992: 35) деген жыйынтык чыгарылат.

Албетте, согуш жеңилген тарап үчүн катуу кайгы алып келет. Бирок түрк басып алуусунун натыйжасын опсуз трагедияга айландырууга да негиз жок. Айтылуу адис окумуштуу В.В. Бартольд, «Мочжонун башка басып алуусундай эле, бул жеңип алуунун натыйжасы тез эле жокко чыккан» деп тыянак чыгарган.

Жогоруда айтылгандай Борбордук Азиядагы саясий кырдаал түрк өкүмдарларынан шашылыш чара көрүлүшүн талап кылган. Түрктөр балким, жайчылык абалда Түштүк Сибирде калып, чеп куруп, салык жыйнап жатмак. Бирок, кыргыздардын дагы бир саясий өнөктөшү түргөштөр кийинки жайда түрк өлкөсүнө кол салабыз деген убадасында турушкан. Ошондуктан түрктөр адегенде түргөш коркунучун жоюуга кызыкдар болушкан. Тонйукук 711-жылы түрк аскерлерин Алтайга топтоп, түргөштөр туурасында маалымат жыйноого киришкен. Капаган каган Батышка карай жасала турган жортуул башына улуу уулу Бөгү каганды койгону менен аскерди реалдуу жетектеген Тонйукук болгон. Тонйукук түзгөн планга ылайык түрк колу Иртыш дарыясынан өтүп, Болучу жергесинде түргөштөргө оор сокку урган. Болучудагы салгылаш 711-ж. күз айында жүрүп, он ок будун эли катуу жеңилүүгө дуушар болгон. Андан ары Могилянь менен Күл тегин жетектеген Чыгыш түрк колу 711-ж. соңу жана 712-ж. башталышында Согд территориясына кол салган. Тонйукук менен Инэль каган баштаган түрк армиясы 712–713-жж. Сыр Дарыяны эки ирет кечип өтүп, Тохаристандын чегиндеги Темир капыгка жетишкен. Анткен менен арабдар менен жүргөн согушта түрк колу жеңилип, оор жоготууга дуушар болгон. Согддо аман калган армияга түргөш атчан аскерлери тартылып, алар Жунгариядагы Бешбалыкка жөнөтүлгөн. Бешбалыкка беш ирээт жасалган чабуул, шаар башчысы Го Цянь-хуань 714-жылы Капаган кагандын колун талкалаган. Кытай булактарынын маалыматына караганда «Кай Юань жылынын экинчи жылында (714-ж.) Мочжо начарлаган» (Бичурин, 1950: 365). Түрк каганатынын ички абалы жана тынымсыз жасалган согуш операциялары мамлекеттин саясий-экономикалык жактан алсырашына алып келген. Мындай шартта түрк өлкөсү үчүн кыргыз жергесинде чеп курууга же андан ары басып алуу саясатын улантканга да чама-чарпы жеткен эмес.

Башталышында айбаттуу уюшулган коалициянын ийгиликсиз жыйынтыкталышынын себеби эмнеде деген суроо туулбай койбойт. Арийне, маселе учугу кайра келип ага кирген мамлекеттердин саясий кызыкчылыгына байланыштуу экендиги байкалат. Адегенде сөз учугун Кытай мамлекетинен баштасак. Тан династиясындагы бийлик 710-жылы алмашылып, такка мурдагы ханзаада Ли Дан келип, ал императордук Жуй-цзун аталышын алган. Айрым окумуштуулардын пикирине караганда Тонйукук кытай стратегдеринин дароо согуш баштаарына ишенген эмес. Ошондуктан түрк элчилиги Капаган кагандын кудалык сунушу менен Кытай мамлекетинин борбору Чанъанга 711-жылдын биринчи айында келген. Император түрк элчилерин кубануу менен кабыл алган. Бул жагдай империянын көчмөн талаа багытындагы саясатынын өзгөргөндүгүн далилдейт.

Г. П. Супруненко тарабынан которулган «Цэ фу юань гуй» булагында «император Жуй-цзундун (710–712) түрк каганына жазган катында, кыргыз элчилигинин 711-ж. Кытайга келгендиги кабарланат». Ушул эле даректин Л.Н. Меньшиковдун котормосун пайдаланган С. Г. Кляшторный «император Жуй-цзун 711-ж. август-сентябрь айларында «Ханьга кирүүнү каалабаган» кыргыз элчилиги Тибетте жүргөндүгүн жана кыргыздардын бул жоругу түндүк коңшуларга тарагандыгы Жуй-цзундун тынчын алган» деп белгилейт.

Акыркы котормо көчмөн талаадагы геосаясий кырдаалды толук чагылдырат. Кыргыз элчилигинин Кытайга келиши, ошондой эле дагы бир элчиликтин Тан династиясына кирүүнү каалабай Тибетте жүрүшү, эки өз алдынча дипломатиялык миссия туурасында кабар берет. Эгер, Кытайдагы кыргыз элчилигин эске алсак, анда ал убакыт жагынан эрте жасалган. Тибетте жүргөн кийинки дипмиссия болсо, ал Кыргыз мамлекетинин Тан династиясына карата мамилесинин өзгөргөндүгүн көрсөтөт.

Тан династиясы VIII к. башталышында оор саясий кризисти башынан кечирген. Мамлекеттик бийлик үчүн күрөш күчөп, натыйжасында Ли Лунцзи көтөрүлүш чыгарган. Императрица Вэйди 710-жылы тактан кулатылып, ордуна Жуй-цзун кайрадан бийликке келген. Кыргыз элчилиги балким Кытай мамлекетинде орун алган кооптуу окуядан кабардар болушу мүмкүн. Ошондой эле, Капаган кагандын Тан династиясы менен кудалашуу үчүн жөнөткөн элчилигин кыргыздар билгендиктен, Эрен Улуг Чанъанга кирүүнү каалабай Тибетке кетсе керек. Окуя боюнча дагы бир жоромол жасоого болот. Ал, Кытай мамлекетине жөнөтүлгөн кыргыз элчилиги (балким 710-жылы) Түрк каганатынын өлкөсүнө кол салгандыгын угуп, анын себебин Кытай мамлекетинен көрүп, Чанъанга кирүүнү каалабашы мүмкүн.

Кыргыз жана түргөш мамлекеттеринин жеңилишине кандайдыр бир даражада Кытай өлкөсүнүн тиешеси бар. Тан династиясы чындап Түрк каганатын жок кылууну кааласа, ал жыйынтыктуу жүзөгө ашырылмак. Бирок Кытай мамлекети «варварларды варварлардын колу менен жок кылуу» саясатын мында да ыктуу колдонгондугу байкалат. Адегенде, аларды бири-бирине тукуруп, андан кийин кол сала турган түрк каганынын кудалашуу маселесин көтөргөн элчилигин кубануу менен кабыл алышы империялык саясаттын далили боло алат.

Экинчи Чыгыш түрк каганатынын саясий жана аскердик кубаты 714-жылдан тарта начарлай баштаган. Анын негизги себеби, каганатта орун алган ички саясий кризис менен тынымсыз жүргүзүлгөн согуш аракеттери эсептелинет. Ошондуктан, академик В. В. Бартольддун пикирине кошулуп, Чыгыш түрк каганатынын Кыргыз мамлекетин басып алуу ийгилиги көпкө уланган эмес деп тыянак чыгарууга толук негиз бар. Муну менен бирге Чыгыш түрктөрдүн аскер чептери кыргыз жергесинде жайгашпагандыгын «Күл-Тегин 31 жашка келгенде (714-ж.) душман болгон аздарга каршы шашылыш жортуулга чыгып Кара Көлдө салгылашкан» (КТ-42-43) деген маалымат далил боло алат. Аз калкы азыркы Тува аймагында жашаган жана анын табигый чеги Түндүк тарабында Саян, Түштүк жагы Танну Ола тоо кыркалары менен чектелген. Эгер, Түрк каганатынын аскер чептери Кыргыз жергесинде орун алса, анда Күл тегин баштаган жортуулдун кажети болмок эмес. Ал үчүн аз жана чиктер жайгашкан аймакка Түндүк жактан, б.а. Кыргыз мамлекетиндеги «түрк чептериндеги жоокерлердин» жөнөтүлүшү эле жетиштүү эмеспи?

Саян тоосунун түштүк тарабында орун алган аз эли кыргыздарга кол салган убакыттан төрт жыл өтпөй түрктөргө каршы согушуп чыкса, демек алардын Түндүк тарабында орун алган кыргыздардын түрктөргө баш ийишинен сөз кылуу мүмкүн эмес. Тескерисинче түрктөрдөн оомат ооп, бул процесс ички саясий тирешүүнү күч алдырган. Кыргыздардын кыска аралыкта күч топтоп, көчмөн талаадагы саясий окуяларга активдүү тартыла баштагандыгын төмөнкү фактылар далилдей алат.

«Це фу юань гуй» жазма булагынын маалыматына караганда кыргыз элчилигин баштаган тегин (ханзаа – М.К.) Исибо Шэюгжэ Биши Сыгинь 722-ж. Кытай борборуна келген. Дагы көп узабай эле тегин Цзюйли Пиньхэчжун Сыгинь 723-ж. Тан династиясынын ордосуна элчилик менен барган. Кыргыз элчилеринин жылуу кабыл алынышын эки элчиге тең кытайдын аскердик чиндери ыйгарылгандыгы далил боло алат (Супруненко, 1974: 241).

Кыргыздар кайрадан Борбордук Азиянын саясий жана соода-экономикалык мамилелерине активдүү тартыла баштагандыгын 724, 747, 748-жж. Кытайга соода кылыш үчүн жылкыларды алып келгендиги айгинелейт.

Кыргыз каганатынын өз алдынчалыгын коргоп калгандыгын жана аны менен жакынкы коңшулары саясий бирдик катары эсептеше тургандыгын Күл тегиндин 731-жылкы өлүмү мисал боло алат. Айтылуу саясий ишмердин кара ашына «Кыркыз каганынан тардуш ынанчу Чур келген» (КТ-53).

Көчмөн талаадагы саясий кырдаал бир мамлекеттин күч алыш процесси жана анын таасиринин солгундаш этаптары менен тыкыс байланышкан. Саясий мамиле экономикалык кызыкчылыкка негизделгендиктен, ал таасирдин бир тараптуу өнүгүшү согуштук аракет менен жыйынтыкталган. Мындай көрүнүш көчмөн мамлекеттер ортосундагы алаканын негизги формуласы эсептелген. Чектелүү өндүрүш менен улам арта берген керектөө ортосундагы карама-каршылык көчмөн талаадагы айыгышкан атаандаштыкты жараткан. Муну биз Түрк каганатынын саясий тарыхынын мисалында билсек болот. Капаган кагандын 716-ж. дүйнөдөн кайтышы, Чыгыш Түрк каганатындагы ондогон жылдарга созулган ички саясий кризисти жараткан. Көрүнүктүү лидердин өлүмү мамлекеттин ичиндеги тирешүүнү эле пайда кылбастан, ал тышкы күчтөрдү активдүү аракетке түрткөн.

Ошентип Борбордук Азияда дагы бир ирет саясий олкусолкулук пайда болот. Алсыраган Түрк каганаты 741-ж. бир канча өз алдынча бийликтерге бөлүнүп, сепараттык күчтөр Ашина уруусунун бийлигин тааныбай калган. Так талаш жана басмыл, уйгур менен карлуктардын бириккен күчтөрүнө каршы күрөшүү Түрк каганатынын 744-жылы күнүн бүткөргөн. Узак жылдар бою Кыргыз мамлекетинин негизги атаандашы саналган Түрк каганатынын талкаланышы саясий күчтөрдүн кайрадан иргелишине алып келди. Анын натыйжасында, Кыргыз каганаты үчүн коркунуч көчмөн талаа үчүн атаандашкан Уйгур мамлекети тарабынан пайда болду.

3.4. Кыргыз-уйгур мамилелери

Түрк каганатын кыйратууда чечүүчү ролду уйгурлар ойногондугу маалым. «Тан шу» булагына караганда тогуз огуз урууларынын негизи эсептелген уйгурлар: яглакар (яолэгэ), утуркар (худугэ), курабир (цзюйлэу/ долоу), боксигит (могэсихэ), аявир (сиеу) деп аталган тогуз уруудан куралган. Кагандык бийлик яглакар уруу өкүлдөрүнө таандык болгондуктан, алардын артыкчылыгы жазма булак маалыматтары аркылуу айрыкча белгиленип келген. Ар бир уруу согуш мезгилинде өзүнчө аскер кошуунун чыгаргандыктан, уйгур жоокерлеринин саны калган урууларга дээрлик тең келген. Уйгурлардын сандык артыкчылыгы башка урууларга болгон үстөмдүктү пайда кылган. Уйгурлар карлук жана басмылдар менен биригип 741-жылы Түрк каганатына оор сокку урушкан. Түрк өлкөсүндө согуш талаасында каза тапкан Кутлуг ябгунун ордуна Озмыз каган бийликке келген. Ал козголоң чыгарган калктарды жазалаш үчүн кол топтогонго киришет. Мындай жагдай көчмөн талаада кош бийликти жараткан. Бир тарабында мурдагы бийликти калыбына келтирүүнү көксөгөн Түрк каганаты болсо, экинчи жагында алардын таасиринен кутулууну самаган басмыл, уйгур жана карлуктардын биримдиги турган. Түрктөргө каршы уюшулган коалицияны басмыл уруусунун өкүлү Ильтериш каган жетектеп, каршылашкан тараптар ортосундагы согуш аракеттери эки жылга уланган. Чечүүчү согуш 744-жылдын күз айында өтүп, түрк колу толук талкаланган. Эмки жаңжал өнөктөштөр ичинде башталып, уйгурлар менен карлуктар басмылдардын үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүшкөн. Алардын бириккен күчү 744-жылы басмылдарга кол салып, басмылдардын жери уйгурлардын колуна өткөн. Басмылдар жеңилген соң уйгур ябгусу Гули Пэйло (Куллыг Бойла) каган титулун алган. Карлуктар менен уйгур союзу узакка уланган эмес. Көтөрүлүш чыгарган карлуктар ит жылы (746-ж.) батышка он ок элине качып барган (Восточный Туркестан, 1992: 145). Тынымсыз жүргөн согуш аракеттери яглакар уруусунун Уйгур мамлекетиндеги башкаруу бийлик статусун бекемдеген. Уйгур каганатынын негиздөөчүсү Гули Пэйло 747-жылы дүйнөдөн кайтып, анын ордун ээлеген уулу Элетмиш Бильге каган (747–759) активдүү тышкы саясат жүргүзүп баштаган. Кытай булактарында Мояньчжо Гэле-хан (Бичурин, 1950: 309), ал эми руникалык эстеликтерде Элетмиш Бильге каган түрүндө эскерилген өкүмдардын мезгилинде, ал бийлик мейкиндигин кеңейтүү жана жакынкы коңшуларды басып алуу саясатын жүргүзүлгөн.

Дуньуандагы тибет манускриптинде (П.Пельонун Тибет фонду, № 1283) катталган беш уйгур чалгынчыларынын рапорту көрсөткөндөй, уйгур каганаты көчмөн талаадагы этносаясий кырдаал туурасында жетик маалымат топтоого аракет жасаган. Окумуштуулардын пикирине караганда жазма булактагы маалымат топтомунун басымдуу бөлүгү Элетмиш Бильге кагандын мезгилине таандык. Миссиясынын чалгындык максатта жасалгандыгын манускриптте орун алган этникалык топтор кийин уйгурлардын чапкынына кабылгандыгынан билсек болот. Француз окумуштуусу Ж. Бако белгилегендей уйгурлар үчүн түндүк тарапта орун алган мамлекеттер бир ары табышмактуу болсо, экинчи жагынан жаңыдан империялык багытка түшкөн уйгур өлкөсү үчүн реалдуу коркунуч туудурган. Ошондуктан манускриптте баяндалган окуялар VҮҮҮ к. экинчи жарымында өткөн деп эсептейт (Bacot, 1956: 146). Жазма булакта кыргыздардын этникалык тарыхы үчүн жана уйгурлардын тышкы саясатына байланышкан маанилүү маалымат камтылат.

Дуньхуандагы тибет манускриптиндеги маалыматка караганда, уйгур башкаруучулары түндүк калктары туурасында кабары болгон эмес. «Мурда уйгур башкаруучусу «Түндүк жагыбызда канча мамлекет бар?» деп беш кадырлуу уйгур адамдарын чалгынга жиберген. Мына эми алар келишип, расмий кат аркылуу билдиришти» деп кабарланат. Манускрипт маалыматы көрсөткөндөй Элтемиш Бильге кагандын алгачкы башкаруу жылдарына чейин уйгурлар али да түндүк тарапта жашаган калктар туурасында кабары болбосо керек.

Дуньхуандык даректе кыргыздардын этникалык тарых ына түздөн-түз тиешеси бар маалымат топтому камтылган. «Ушул тоолордун артында эки кичине тайпа э-де (Hүr-tүs) жашашат, алар уйгурлар менен бирде согушуп, бирде достук мамиледе. Түндүк тарапта дагы бир «Эде» (П. Пельонун фондунда Hүrtүs) тайпасы бар алардын көзү кристаллдай, баштары оттой кызыл» деп кыргыздар менен эдиз уруусу ортосундагы этникалык жалпылык белгиленет.

Уйгур чалгынчыларынын аракети менен Элетмиш Бильге каган түндүк өлкөлөр туурасында жетиштүү маалымат топтогон. Анын натыйжасында, уйгурлар бул багытта стратегиялык артыкчылыгын арттыруу максатында согуштук басып алуу саясатын жүргүзүүгө киришет. Адегенде уйгурлар жакынкы союздаштары байыркуларга 749-жылы кол салып, аларды Чыгыш Түркстандагы карлуктарга качып кетүүгө мажбур кылышкан. Моюнчур хан эстелигинин кабарына караганда, уйгурлар жолборс жылы (750-ж.) чиктерге кол салышып «экинчи айдын он төртүнчү күнү алар менен Кем дарыясында салгылашат». Ушул эле жылы чиктер аларга баш ийишкен (Малов, 1959: 40). Уйгурлар азыркы Тува аймагын ээлеген соң, өлкөнүн саясий таасири Батыш Саян тоосунун түштүк кыркасына чейинки мейкиндикке тараган (Кляшторный, 1980: 87–90; Вайнштейн, 1958: 227–229; Кызласов, 1969: 59–63). Элетмиш Бильге каган ушул эле жылдын күз айында татарларды жоопко тартуу максатында чыгышты карай жортуулга аттанган. Кем боюндагы уйгурлардын саясий бийлигинин туруксуздугу, алардын чыгыш чапкыны менен аныкталат. Элетмиш Бильге каган татарларга аттанаар замат чиктер 752-жылы уйгурларга каршы көтөрүлүш чыгарышат. Чиктердин козголушун кыргыз, түргөш, үч карлук жана башталышында басмылдар колдошот. Моюнчур эстелигинин маалыматына караганда, уйгурларга каршы куралган коалицияга кээ бир тогуз огуз уруу башчылары да кошулган. Эстелик саптарында «Токуз огуз… алардын бектери келишип (алардын уруу башчылары?) душман болушкандыгын айтышты» деп кабарланат. Кыязы, ушул убакта уйгурларга каршы коалиция курулса керек. Моюнчур эстелигинде орун алган маалыматка караганда, уйгурларга каршы коалицияга кошулуу сунуш менен кыргыздарга атайын чабармандар жиберилген. Коалициянын негизги максаты уйгурларга каршы күрөшүү негизги милдет эсептелгендиктен, Минусин өрөөнүнө жөнөтүлгөн миссияга Кыргыз өлкөсүнүн чиктерди да уйгурларга каршы козголоң чыгарганга көндүрүш керектиги туурасындагы маселени жеткирүү милдети жүктөлгөн. Уйгур каганынын урматына орнотулган эстеликте, коалиция өкүлдөрүнүн белгилеген планы мындайча сүрөттөлөт: «Карагыла, өз алдынчалыкка жетишесиңер! Биз силер менен токойдо биригебиз». Уйгурлар союздаштардын максатын билген соң, Моюнчур каган алдын ала аларга бирден кол салууну туура тапкан. Уйгурлар бир канча багытта союздаштарга сокку урушкан. Моюнчур каган «тогузунчу күнү жортуулга аттанып, Тутук Башыны миң жоокер менен чиктерге жана союздаштарга каршы аскер отряддарын жөнөткөн». Моюнчур жоокерлерине «көңүл бургула, кыргыз ханы Көгмен тоосунун этегинде өз үйүндө жашайт» деп эскерткен (Малов, 1959: 41).

Кыргыз өкүмдары союздаштарына кайгуул отряддарын жөнөткөн. Бирок алар жолдо уйгур аскерлеринин кол салуусуна кабылып, кыргыз чалгынчылары туткунга түшүрүлгөн. Туткунга түшкөндөрдүн айтымына ылайык, кыргыз каганына жана анын союздаштарына тийиштүү адамдар чогулушкан. Бирок союздаштардын жыйынына карлуктар келген эмес. Ал өз адамдарын карлуктарга жөнөткөн. Руникалык эстеликке мүнөздүү келген туюк маанилүү маалыматта, карлуктарга миссияны ким жиберип жана анын кандай максатта жөнөтүлгөндүгү ачык чагылдырылган эмес. Баяндоо нугуна караганда, карлуктарга жөнөтүлгөн миссия кыргыз каганына тиешелүү болсо керек. Эстеликтин кийинки сабындагы Моюнчурдун карлуктарга каршы аттангандыгын эске алсак, кыргыз өкүмдарынын карлуктарга душмандык мамилеси болгон эмес. Ал тек гана түзүлгөн жагдай боюнча карлуктардын маанайын билүү максатында өз адамдарын карлуктарга жөнөткөн болсо керек.

Кыргыз каганынын чабармандары карлуктарга бара жаткандыгын билген Моюнчур дароо жортуулга аттанган. Моюнчур каган баштаган уйгур армиясы чиктерди жеңгенден кийин Енисей дарыясынын башкы агымында орун алган. Алар Кем дарыясын кечип, андан ары Иртышты салдын жардамы менен өтүшкөн. Элетмиш Бильге каган үч карлуктар менен Болчу өзөнүнүн боюнда 752-жылдын 11-айдын он сегизинде согушуп, жеңишке жетишкен.

Уйгур каганы кайра мекенине кайтып келип, түндүк багытындагы чегара маселесин бекемдөөгө киришкен. Енисейдин башкы агымында орун алган чиктерди башкаруу үчүн тутукту дайындап, ышбар жана тархандарды бекиткен. Чик уруусунун уйгурларга баш ийиши Кыргыз өлкөсүнүн саясий таасирин жана этногеографиялык мейкиндигин чектеген. Карлук жана басмылдардын жеңилиши, ошондой эле антиуйгурдук коалициядагы биримдиктин жоктугу кыргыздардын абалын андан да оордоткон. Эгер, Кыргыз каганаты буга чейин Кытай мамлекети менен тыкыс саясий мамиледе болуп, эки тараптуу соода байланышы кызуу жүрүп келсе, Уйгур мамлекетинин саясий-согуштук таасири көчмөн талаага орногондон тарта, ал алака толугу менен токтогон. Кыргыз өлкөсү үчүн уйгур фактору Түрк каганатына караганда кыйла жагымсыз жагдай жараткандыгын белгилөө зарыл. Кыргыз мамлекетинин дипломатиялык миссиялары Түрк каганатынын убагында Кытай өлкөсүнө тынымсыз каттап турган. Айрым учурда, айрыкча кыргыздар менен түрктөрдүн ортосунда кырдаал курчуп, жоолашуу жогорку чекке жеткенде гана кыргыз элчилери үчүн түрк өлкөсү аркылуу өткөн транзит жол токтотулган. Ал эми Уйгур каганатынын күчүнө келип турган тушунда кыргыздар Кытайга элчи жибермек түгүл, соода байланыш да кура албай калышкан. Кыргыз каганаты тышкы товардык муктаждыгын Батыш багытына түздөп, Орто Азиядагы мамлекеттер менен мамилесин чыңдаган. Анын негизги себеби, уйгурлар карлук, түргөш жана басмылдардын күчүн толук кыйрата алган эмес. Мындан улам алар кыргыздар менен мамилесин чыңдап, уйгурларга каршы аракетин токтотпой күрөштү күч алдырышкан.

Кыргыз каганатынын уйгурлар тушундагы Кытайга жиберген акыркы элчилиги 755-жылга туш келет. Уйгурлардын жакынкы коңшулар менен жүргүзгөн саясатына көз жүгүртсөк, андан биз кыргыздар менен Орду Балык эгелеринин ортосундагы каршылаштык тымызын мүнөздө өрчүгөндүгүн баамдайбыз.

Уйгур каганы үчүн айыгышкан жоо катары карлуктар менен түргөштөр эсептелген. Аталган этностордун бир аймакта орун алышы ички биримдикти чыңдаган. Карлук жана түргөш аскерлери уйгурларга кол салып, жоолашкан тараптар ортосундагы салгылашуу 753-жылдын 26-май күнү Өтүкен жергесинде жүргөн. Уйгурлар жеңишке жетишип, мол олжо топтолгон. Анткен менен аталган этностордун уйгурларга болгон мамилеси өзгөргөн эмес. Каршылык токтобой улана бергендигине байланыштуу уйгур каганы 753-жылы басмылдарга, 754-жылдын 3-августунда жана 2-октябрда карлуктарга, ушул эле жылдын соңунда карлуктар менен басмылдарга жортуул жасаган. Кийинки жылы аталган этностордун каршылыгы толугу менен басылган.

Кыргыз мамлекетинин Тан династиясына жасаган элчилигинин 755-жылдан кийин токтотулгандыгына жана ушул эле жылы антиуйгурдук коалициянын толук жеңилген фактылардын байланышы бардай туюлат. Кыргыз каганаты уйгурларга жоо эсептелген карлук жана түргөштөр менен жакын туугандык мамиледе турушкан. Кытай булактарында «бул мамлекет дайыма Даши, Туфань жана Гэлолу менен достук мамиледе болушкан. Бирок туфандыктар хойхулардын талоончулугунан коркушуп, гэлолулардан сакчыларды алышкан» деп белгиленет (Бичурин, 1950: 355).

Кытай авторлору белгилеген Даши же Дася топоними Аму дарыясынын жогорку жана ортоңку агымында орун алган Бактрия аймагы эсептелинет. Ал эми, Туфань болсо Тибет өлкөсү, гэлолу аталышы карлук этнониминин транскрипциясы экендиги аныкталган.

Уйгур каганатынын калыптаныш этабы татаал геосаясий шартта өнүккөн. Кытай мамлекетинде 755-жылы башталган Ань Лушандын көтөрүлүшү чыкпаса балким Уйгур каганатынын тарыхта белгилүү болгон ийгиликтүү өнүгүшү жакынкы коңшу калктардын айыгышкан каршылыгына туруштук бере албай токтоп калмак. Уйгур өлкөсүнүн калыптанышы үчүн Ань Лушань феноменинин олуттуу орду бар. Түрк-согдиялык тектүү Ань Лушань 755-жылы Тан династиясына каршы көтөрүлүш чыгарган. Уйгур атчан аскерлери Тан династиясына көмөк көрсөтүшүп, козголоңду басканга салым кошушкан. Кытай мамлекети уйгурлардын салымын жогору баалап, император Суцун бойго жете элек кызы Нингону Элетмиш Бильге каганга күйөөгө берген. Ошентип, биринчи жолу кытай менен уйгурлар ортосунда династиялык үйлөнүү жүргүзүлгөн. Уйгурлар Кытай мамлекетине жардам көрсөтүү аркылуу Тан династиясынын эле колдоосуна арзымак түгүл, жортуул убагында жүргөн талап-тоноо аркылуу эбегейсиз байлык топтогон. Чапкын ийгилиги жана жыйналган олжо ички карама-каршылыкты жоюп, ал Уйгур каганатынын кийинки согуш аракеттерине жол ачкан. Ошондон уламбы, мурда уйгурлардын түндүк багытындагы саясаты Көгмен тоосуна чейин жасалып, андан ары уланбай келсе эми кырдаал түп тамырынан өзгөргөн. Ань Лушандын козголоңун басып, Тан династиясынын колдоосун алган уйгурлар 758-жылдын соңунда кыргыздарга каршы чапкын жасашкан. Жортуулду Элетмиш Бильге кагандын улуу уулу Кутлуг Бильге ябгу жетектеген. Кытай стратегдеринин баамында «уйгурлар бул мамлекетти 758-жылы жеңгенден кийин, хягас элчилиги Борбордук мамлекетке өтө албай калды. Хягас өкүмдары хойху ханынын колунан Пицьсйе Тунгйе Гинь титулун алган» (Бичурин, 1950: 355).

Айрым иликтөөлөрдө уйгурлар кол салган учурда Кыргыз мамлекетинин жоокерлеринин саны 50 миң болгондугу белгиленип жүрөт. Анткен менен «Тан шу» булагында мезгили көрсөтүлбөгөн маалыматка ылайык Кыргыз өлкөсүнүн 80 000 жоокери болгон. Кыргыз Ажосу 840-жылы Уйгур каганатына 100 миң жоокер менен кол салган. Шивэйлерге качкан уйгурларды жазалаш үчүн жөнөтүлгөн кыргыз министри А-бонун 70 миң аскери болгон.

Кыязы, уйгурлардын чапкыны маалында кыргыздардын колу чектелүү болушу толук ыктымал. Кыргыз каганатына баш ийген Енисей дарыясынын жогорку агымы уйгурларга өткөндүгүнө байланыштуу, чик менен аздардан толукталган аскер санынын кескин кыскарышына алып келсе керек. Мындан улам кыргыздардын душмандардан бул жолку жеңилиши, Түрк каганатына салыштырмалуу оор эле болгон.

Анткен менен 758-жылкы согуш темасына кайрылган окумуштуулар, кыргыздардын уйгурларга баш ийиши номиналдуу мүнөздө болгондугун белгилешет. Көчмөн калктардын саясий жана согуштук доктринасы аныкталбагандыктан, алардын күчүн Тан династиясы ийкемдүү пайдаланган. Император Суцундун өтүнүчү боюнча Бөгү каган баштаган уйгур аскерлери 759-жылы Кытайда чыккан көтөрүлүштү басууга катышкан. Соңку изилдөө жыйынтыктары көрсөткөндөй, уйгурлардын тышкы саясаты Чыгыш Түркстанга багытталып, соода кербен жолун көзөмөлдөөгө өткөн. Чыгыш Түркстанда уйгур, Тан династиясы жана Тибет мамлекеттеринин кызыкчылыгы тогшуп, ал акыры ачык конфронтацияга жеткен. Уйгурлар менен тибеттиктердин Чыгыш Түркстан үчүн атаандашуусу 790792-жж. кучагына алган согуш менен жыйынтыкталат. Уйгурларга каршы согушка батыш түрк урууларынын бири эсептелген шато, карлук жана ак кийимчен түрктөр Тибет мамлекетине жардам беришкен. Тибеттиктер союздаш уруулар менен бирдикте 790-жылы Бэйтин шаарын басып алышкан. Бэйтин шаарын кайра кайтарыш үчүн уйгурлар тынымсыз аракет көрүшүп, акыры 792-жылдын кыш айында барып тибеттиктерди шаардан сүрүп чыгарышкан. Тибеттиктер менен аларга өнөктөш уруулардын жеңилиши, уйгурлардын Чыгыш Түркстандагы абалын туруктуу чыңдаган. Анткен менен уйгурлар тибеттиктердин каршылыгын толугу менен жоё алган эмес жана ал ҮX к. биринчи чейрегине чейин уланып келген.

Уйгурлардын Түндүк Кытай жана Чыгыш Түркстандагы саясий аракеттери, кыйыр формасында болсо да кыргыз-уйгур мамилесине таасир тийгизген. Уйгурлардын 758-жылкы чапкыны Кыргыз өлкөсү үчүн канчалык оор болсо да, алар өз алдынчалыгынан айрылган эмес. Кыргыздар бул согушта жеңилген, бирок алар Уйгур мамлекетинин курамына кошулбастан, өз алдынчалыгын сактап кала алышкан.

Эгер, Чыгыш Түркстанда уйгурларга каршы күрөшкөн этностор менен мамлекеттерге көңүл бурсак, алардын басымдуу көпчүлүгү Кыргыз өлкөсү менен жакын мамиле курган саясий бирдиктер экендиги байкалат. Кыргыздар уйгур жортуулунан кийин карлук, түргөш жана тибеттиктер менен мамилесин үзбөй, аны династиялык үйлөнүү деңгээлине жеткирген. Кытай булактарында кыргыз Ажосунун энеси карлук өкүмдарынын кызы, аялы түргөш болгондугу кабарланат. Мындай тарыхый факт Уйгур каганатынын Чыгыш Түркстанга кол салып, карлук жана тибеттиктерге каршы күрөш жүргүзүү маалында кыргыздар акыркыларга колдоо көрсөтүп тургандыгын айгинелейт. Уйгур мамлекети кыргыздар жүргүзгөн саясаттан кабардар болушкандыгын жана алардын душмандык аракетине нааразычылык маанайын Карабалгасун эстелигиндеги маалыматтан билсек болот. Эстеликте уйгур каганынын кыргыздарга кезектеги кол салуусу кабарланат. Карабалгасун эстелиги уйгурлардын «теңир каганынын урматына» 820–821-жж. тургузулган (Васильев, 1887: 1–36; Orkun, 1987: 234). Эстелик маалыматына ылайык, кыргыздардын 400 миң жаачан жоокерлери болгонуна карабастан, алар уйгурлардан катуу жеңилишкен.

Эстеликтеги окуянын баяндалыш нугунун мезгилдик жактан чаташтыгы, окумуштуулар арасында ар кыл көз карашты жаратып келген. Илимпоздордун басымдуу көпчүлүгү, эстеликте орун алган уйгур-кыргыз согушу 795-жылы жүргөн деп эсептешет. Уйгур каганатында бийлик алмашып, эдиз уруусунун Кутлуг сангун 795-ж. Ордубалыктагы такты ээлеген. Ю. С. Худяковдун пикирине ылайык, мурдагы кагандын баласы жок болгондуктан бийликтин династиялык өзгөрүүсү мамлекеттеги олкусолкулукту жараткан. Учурдан пайдаланган кыргыздар көтөрүлүш чыгарышкан. Кутлуг каган Тибет жана карлуктар менен согушуп жаткандыгына карабастан, уйгурлар кыргыздарды жеңген деп эсептейт (Худяков, 1980: 154).

Окумуштуунун оюна караганда кыргыздар тексиз кагандын такка отурушунун легитимдүүлүгүнө басым жасап, калган урууларды көтөрүлүшкө шыкактоо максатын көздөгөн. Кутлуг каган Минусин өрөөнүнө кол салып, чечүүчү салгылашта кыргыз каганы согуш талаасында көз жумган. Уйгурлар чоң олжого туйтунушуп, убактылуу болсо да Уйгур каганатынын чегин бекемдешкен. Кыргыз тараптан коркунучту ушундан билсек болот, уйгурлар андан кутулганынын урматына деп фантастикалык мазмундагы эскерүү жазган деп эсептейт (Худяков, 1996: 57–58).

Карабалгасун эстелигинде уйгур каганынын жеке жоокердик сапаты айрыкча бааланып, анын жебесинен кыргыз каганы мерт болгондугу жана алардын мамлекети таратылгандыгы кабарланат. Айрым окумуштуулар бул маалыматка таянып, кыргыз өкүмдары кайрадан «хан» титулунан айрылып, «ажо» аталышын алууга туура келди деген тыянак чыгарып жүрүшөт (Худяков, 1996: 58; Бутанаев, Худяков, 2000: 86).

Карабалгасун эстелигинин фантастикалык мазмуну жана саясий тенденциялуулугу андагы маалымат топтомун сын көз менен кароо муктаждыгын талап кылат.

Адегенде эле шек туудурган маалымат Кыргыз мамлекетинин аскеринин санына байланышкан. Кыргыз Ажосу баштаган армиянын 840-жылы Уйгур каганатына кол салгандагы аскер саны 100 миң экендигин эске алсак, анда 400 миң деген маалыматка ишениш кыйын.

Кийинки шек саноо, ал эстеликтеги «Кыргыз өлкөсү толугу менен жашоосун токтоткон» деген маалыматтан пайда болот.

В. В. Бартольд эстеликтеги маалыматтын тенденциялуулугун эске алып, уйгур жортуулунун жасалгандыгынан күмөн санаган (Бартольд, 1943: 26). Окумуштуунун оюна караганда, эстеликте көрсөтүлгөн «кыргыз өлкөсү толугу менен жашоосун токтоткон» деген маалыматка ишенүү кыйын. Анын себеби, кыргыз каганы көп узабай эле 840-жылы Уйгур каганатын толук талкалаган (Бартольд, 1963: 487).

Карабалгасун эстелигиндеги кыргыз өлкөсү талкаланып, жерде тирүү адам калган жок деген маалымат топтому толугу менен негизсиз экендигин белгилөө зарыл. Эстелик баяндагандай кыргыз каганы өлтүрүлүп, мамлекет жоюлуп, анда жашаган адамдар жер менен жексен кылынса, анан кантип кыргыз өкүмдары карлук жана түргөштөр менен куда сөөк мамиле курушкан? Кыргыз Ажосунун уйгурларга каршы 820-жылдан баштаган күрөшү кайсыл калктын жоокерлери менен жүргүзүлгөн деген суроо туулбай койбойт.

Кийинки маселе, ал согуш кайсыл мезгилде жүргөн деген суроого байланышат. Ю. С. Худяков кыргыз-уйгур согушу 795-жылы болгон деп эсептейт. Окумуштуунун пикирине ылайык, Карабалгасун жазуусунда Кутлугдун эрдиги баяндалып, эстелик анын урматына орнотулгандыктан, Минусин өрөөнүнө жасалган жортуул, анын такка отурган жылы менен туш келет.

Анткен менен Кутлуг 795-жылы кагандык бийликке келгенге чейин Уйгур мамлекетинде министрдик кызматты аркалап, Иль Угаси деген титулду алып жүргөн. Кутлугдун кыргыздарга жасаган жортуулу, анын «эрдиктеринин» бири эсептелген Бэйтиндеги (790–792) уйгур-тибет согушунан кийин катталган. Ошондуктан уйгурлардын кыргыздарга багытталган чапкыны Кутлугдун мурдагы мезгилин, тактап айтканда Иль Угаси маалындагы убагын чагылдырса керек. Мындай тыянак чыгарууга жазма булак маалыматтарынын контексттинде калган окуя топтому жол берет. Кыргыздардын кылымдарды кучагына алган тарыхында, алар Тибет мамлекети менен жакын мамиледе болуп келишкен. Кыргыз каганатынын Тибетке жөнөткөн дипломатиялык миссияларынан тарта, соода байланыштары жана Тибетте табылган руникалык жазуулар корпусу эки тараптуу алаканын натыйжалуулугун көрсөтөт. Кыязы, кыргыздар Иль Угасинин Тибет менен согушкан мезгилинде четте турган эмес. Кыргыз өлкөсү саясий өнөктөшүнө жан тартып, болбосо түздөнтүз аралашкандыктан Иль Угаси 790-жылга чейин же 790–792-жж. аралыгында кыргыздарга жортуул жасаган. Кытай булактарынын маалыматына караганда, Иль Угаси баштаган уйгур колу 790–791-жж. аралыгында тибеттиктерден эки ирет катуу жеңилген. Балким, уйгурлардын Чыгыш Түркстандагы согуш аракеттеринин ийгиликсиз башталышы, кыргыз аскерлеринин Иль Угаси баштаган армияга каршы күрөшү менен байланыштырылышы мүмкүн. Тарыхый окуянын өнүгүү нугу көрсөткөндөй, качан барып уйгурлар кыргыздарды талкалагандан кийин, алар Чыгыш Түркстанга толук кандуу чабуул жасаганга жетишкен. Уйгур стратегдери иштеп чыккан планга жараша, алар душман колун бирден талкалап, анын акырында Чыгыш Түркстанга саясий үстөмдүгүн орнотушкан.

Уйгурлар көздөгөн максат иштиктүү жүзөгө ашырылышы менен кыргыздардын саясий күчү чектелип, алар көчмөн талаадагы кырдаалга убактылуу аралаша албай калган.

3.5. Кыргыз Улуу державасы

Тарых илимине «Кыргыз Улуу державасы» деген түшүнүктү академик В. В. Бартольд киргизген. В.В. Бартольд эмне себептен Кыргыз мамлекети «Улуу держава» атала тургандыгын аныктаган эмес. Анткен менен кыргыз тарыхына арналган биринчи илимий изилдөөдө, тарыхый терминге каймана маанисинде түшүнүк берилет. Академиктин пикирине ылайык, уйгурлар жеңилгенден кийин Монголиядагы үстөмдүк кыргыздардын колуна өткөн.

Ийгилик натыйжасында, алардын мамлекети Орто Азиянын чыгыш тарабындагы алдыга озгон көчмөн державага айланган (Бартольд, 1927: 16).

Академиктин бул түшүнүккө байланыштуу айткан дагы бир пикири айрыкча маанилүү. Ал кыргыздардын кыска убакытка уланган саясий үстөмдүгүн чагылдырган эс тутум Монголияда азыркы убакытка чейин сакталып калгандыгын белгилейт. Ошондой эле, башка калктарга таандык маданий мурастар да али күнчө кыргыздарга таандык деп айтылышы, ошол доордун элеси катары баа берет.

В.В. Бартольддун баамында, кыргыздардын Монголияны басып алышы Орто Азия тарыхы үчүн сейрек кездешчү көрүнүш. Мындагы басып алуу саясаты чыгыштан батышка карай багыт алса, кыргыздардын чапкыны тескери фронттон жүргүзүлгөн.

Бартольд колдонгон «Кыргыз Улуу державасы» дээрлик баардык окумуштуулар тарабынан кабыл алынган. Андан бери бул аталышка аныктама берүү аракети новосибирскилик археолог Ю.С. Худяков жана санктпетербургдук археолог Д.Г. Савинов тарабынан жасалып, калган окумуштуулар, академик Бартольд киргизген терминди кайталоо менен чектелип келишет.

Ю.С. Худяковдун пикирине ылайык «кыргыз тарыхында бул көрүнүш В.В. Бартольд акыйкат белгилегендей «кыргыздардын Улуу державалык» мезгили болгон. Кыргыздар үчүн узак убакытка созулган уйгурлар менен таймаштагы кыргыз куралынын укмуштуудай жеңиши менен алардын Борбордук Азия талаасынын кеңири аймагын каратып алган жылдыздуу доору эсептелинет. Ушул мезгилге жараша кыргыздар өздөрү туурасында орто кылымда жашаган ар түркүн калктардан турган замандаштарына элес калтырып, алардын тарыхый эрдиктери кийинки тарыхчыларды дайыма кызыктырып келет (Худяков, 1996: 59).

Белгилүү археолог Д. Г. Савинов «Кыргыз Улуу державасы» туурасындагы аныктама Ю. С. Худяков тарабынан айрыкча даана берилгенин белгилеген. Ал көз карашка кошумча ирээтинде, окумуштуу жазма булак маалыматтары енисейлик кыргыздардын ҮX–X кк. аралыгында кеңири мейкиндикке жайылгандыгын тастыктайт (Савинов, 1984:97) деген бүтүм чыгарган.

«Кыргыздардын Улуу державасы» туурасындагы аныктама андан ары өнүккөн эмес. Балким, буга эки жагдай себеп болушу мүмкүн. Биринчиден, аталган аныктама тарых илиминде кынтыксыз кадыр-баркы бар академик В. В. Бартольд тарабынан киргизилиши роль ойносо керек. Экинчиден, тарыхый түшүнүк Совет мезгилинде пайда болгондугун эстен чыгарбоо зарыл. Албетте, биринчи жагдай субъективдүү факторго байланышкан маселе. Анткен менен кыргыз тарыхы менен түздөн-түз иштеген жалгыз А. Н. Бернштамды эске албаганда, андан кийин көзгө көрүнөөрлүк боштук пайда болгон. Экинчи маселе, ал объективдүү коомдук жана саясий өнүгүү теориясын камтыган марксисттик-лениндик методологияга байланышат. Совет мезгилиндеги формациялык өнүгүү идеологиясына жараша альтернативалык теорияларга орун берилген эмес. В.В.Бартольд киргизген «Кыргыздардын Улуу державалык» аныктамасы марксисттик-лениндик методологияга каршы турган. Муну биз, убагында Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Т.У. Усубалиевдин академик В. В. Бартольддун «Кыргыз Улуу державасы» туурасындагы көз карашын сынга алган мисалынан билсек болот. Т. У. Усубалиев бул маселе боюнча көз карашын мындайча билдирген: «Таанымал изилдөөчү академик В. В. Бартольддун кыргыз тарыхына арналган «Кыргыздар» (Фрунзе, 1927) эмгегинде, IX к. экинчи жарымы жана X к. башталышында кыргыздардын Енисейде «кыргыз улуу державасы» аталган күчтүү мамлекеттик биримдиги болгон имиш деген аныктама бар» (Усубалиев, 1974: 46). Партия жетекчисинин пикирине ылайык академиктин мындай аныктамасы эч бир маалыматка негизделген эмес деген бүтүм чыгарылган.

Асыресе, азыркы тарых илиминде кыргыздардын Улуу державалык мезгили, алардын 840-жылы Уйгур каганатын талкалап Борбордук Азиянын талаа мейкиндигинде негизги саясий күчкө айланган кези менен белгилөө көз карашы үстөмдүк кылат. Анткен менен Кыргыз каганатынын күч топтоо убактысы андан кыйла эрте башталгандыгын байкайбыз.

Кыргыз каганатынын IX к. башталышынан 840-жылга чейинки тарыхы жазма булак маалыматтарында дээрлик чагылдырылган эмес. Тан династиясынын жылнаамаларында гана кыргыз-уйгур мамилесин кабарлаган үзүлкесил маалымат кездешет.

Кытай булактарында «уйгурлар алсырай баштаганда эле, Ажо өзүн хан, теги түргөш жесир-энесин ханыша, карлук элинин кызы болгон өз аялын ханыша деп жарыялаган» (Бичурин, 1950: 355). Бул саясий акт уйгур ханына жаккан эмес, ошондуктан ал аскер курап кол башчысын кыргыздарга каршы аттандырган. Уйгур жортуулу көздөгөн максатына жеткен эмес жана чапкындын бул жолку ийгиликсиз аякташы,  саясий күчтөрдүн өзгөргөнүн айгинелейт. Кытай булактарында кыргыз ханы жыйырма жыл бою уйгурларга каршы согуш жүргүзгөндүгү белгиленет.

Кытай жазма булагында айтылган жыйырма жылдык согуштун соңу 840-ж. менен жыйынтыкталат. Демек, Уйгур каганатынын Минусин өрөөнүнө жасаган соңку жортуулу 820-жылга туш келген. Кыргыз каганаты бул согушка жетик камылга көргөндүгүн, анын тышкы саясий активдүүлүгүнөн да байкасак болот. Кыргыз өкүмдары түргөш каганы менен династиялык үйлөнүү байланышын куруп, болочок Ажо болчу уулун карлук башкаруучусунун кызына үйлөндүргөн. Кыргыздар менен мамилелеш этностордун экөө бирдей уйгурларга касташкан жоо экендигин эске алсак, мындан биз Көгмен ээлигинин саясий жана дипломатиялык ийгилигине күбө боло алабыз.

Мындан тышкары, Кыргыз каганаты Батыш багытындагы өлкөлөр менен мамилелеш болгон. Кыргыздардын саясий жана соода өнөктөштөрү эсептелген Даши, Тибет, карлук жана түргөштөр уйгурлардын келишкис жоолору экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Кыргыз каганатынын ийгилиги арткан сайын уйгурлар тескерисинче алсырай берген.

Жазма булак маалыматтарынын кабарлоосуна караганда, яглакар уруусунан чыккан Баои каган 808-жылы такка отургандан тарта, Уйгур каганатынын кубаты кайта баштаган (Бичурин, 1950: 331-332). Баои хан «Ай теңгриде кут алп бильге каган» деген титул менен 821-жылга чейин бийлик башында турган (Краткая история, 1991: 114). Кытай булактарында кабарланган жыйырма жылдык уйгур-кыргыз согушу Баои кагандын башкаруусунун акыркы мезгилине туш келген.

Уйгур каганатынын начарлоосунун дагы бир себеби, Баои каган бийлигинин соңку жылдарында чегара аймактарынын башкаруучулары каганга каршы көтөрүлүш чыгарышкан.

Баои кагандан кийин бийликке келген Чун дэ каган (821–824), Чжао-ли каган (824–832), Чжань-синь каган (832–839) өз каалоосу менен өлүшкөн эмес (Бичурин, 1950: 332). Бийлик башкаруучуларынын тез алмашып турушу Уйгур каганатында орун алган так талаштан кабар берет. Тышкы саясаттын ийгиликсиз жыйынтыкталышы, өлкөдөгү ички оппозицияны күч алдырган. Ал өз кезинде башкаруу уруулар ортосундагы так талаш маселесин курчуткан. Уйгур мамлекетиндеги ички олкусолкулук, анын кыргыздарга каршы 20 жыл тынымсыз согуш жүргүзгөндүгүнөн күмөн санатат. Кыязы, согуш аракеттери чегара аймагындагы саясий таасирди аныктоо алкагында жүргүзүлсө керек. Буга чейин белгиленгендей, Уйгур каганатынын Саян тоолоруна чейинки территориядагы абалы туруктуу болгон. Уйгурлар Жогорку Енисей аймагында жашаган чик жана аздарды баш ийдирип, бул аймакка чептерди курушкан. Кыргыздар үчүн саясий өнөктөш эсептелген чик жана аздардын келишкис жоонун башкаруусуна өтүшү саясий нонсенс болгону талашсыз. Ошондуктан кыргыздар биринчи кезекте, уйгурларды Тува өрөөнүнөн кууп чыгууну көздөшкөн. Булактарда белгиленген 20 жылдык согуш аракеттери кыргыз же уйгур өлкөсүнүн аймагында эмес, алардын саясий таасири тараган этногеографиялык аймакта жүргөн. Ошондуктан жоолашуу 20 жыл бою перманенттик эмес, эки тарап үчүн күч сынашуу мүнөздө уланса керек. Согуш аракеттеринин кыргыздар үчүн ийгиликтүү аяктагандыгынын бир канча объективдүү негиздери бар. Биринчиден, кыргыздар өз мекенин коргош үчүн күрөшкөн. Тува өрөөнү Кыргыз мамлекетинин саясий кызыкчылыгына карагандыктан анда жашаган этностор кыргыздарга жакын болгон. Ошондуктан, алар да өз мекенин баскынчылардан бошотуш үчүн кыргыздарга жардам беришкен. Экинчиден, Кыргыз каганатында уйгур мамлекетинен айырмаланып башаламандык болгон эмес. Мындагы ынтымак ырашкерчилик мамлекеттик саясий идеология деңгээлинде жүргүзүлгөндүгү руникалык эстеликтер аркылуу айгинеленет. Енисей кыргыз эстеликтеринин каармандары – «канымдан айрылдым», «канга ак кызмат өтөдүм», «канга кызмат өтөгүлө» деп, «теңири элин үндөп», «ыйык мамлекетинин» чыгаан уулдарына кайрылышкан. Мындай үндөөлөрдөн биз тарбиялык эле эмес, мамлекеттик деңгээлде системалык түрдө жүргүзүлгөн идеологиялык саясаттан кабар ала алабыз. Үчүнчүдөн, Кыргыз каганаты ийкемдүү тышкы саясат жүргүзүү аркылуу уйгур мамлекетинин көчмөн талаадагы таасирин чектөөгө жетише алган.

Кыргыз мамлекетинин мындай ийгилиги ийкемдүү башкаруу системасынын үзүрү катары каралышы абзел. Кытай булактарында кыргыз «өкүмдары Ажо аталгандыктан, ал Ажо деп айтылат» деп белгиленет. Уйгурлар менен жыйырма жылга созулган согуш кыргыз өлкөсүнүн башында турган Ажонун жеке жетекчилигинин алдында жүргөн. Эгер, окуяны утурлай сөз кылсак, кыргыз мамлекет башчысы 847-жылы дүйнөдөн кайткан. Уйгурлар менен уланган согуштун мөөнөтүнө караганда, кыргыз Ажосу бийлик башына 820-жылы келсе керек. Анын атасы уйгурлардын ушул жылкы чапкынында дүйнөдөн кайтып, бийлик баласына өтүшү мүмкүн. Окуя нугу биз жоромолдогондой өнүксө, анда кыргыз Ажосу кыйла жаш кезинде такка отурган болуп чыгат. Кыязы, атасы көзү тирүү кезинде ага карлук ябгусунун кызын алып берип, династиялык байланышты камсыз кылган. Ажо Уйгур каганатындагы башаламандыктан кабардар болуп, окуя өнүгүшүнө жараша саясий багытын аныктап турган. Кытай булактарында эскерилген «уйгурлар алсырай баштаганда эле, Ажо өзүн хан, теги түргөш жесир энесин ханыша, карлук элинин кызы болгон өз аялын ханайым деп жарыялаган» (Бичурин, 1950: 355) факт, кыргыз өкүмдарынын ийкемдүү саясатынан кабар берет. Ажо мындай аракет менен бийликти эле легитимдештирбестен, карлук жана түргөш мамлекеттерин өз тарабына тарткан.

Уйгурлар менен узакка созулган таймашта акыры ийгиликке көзү жеткен кыргыз каганы, уйгур башкаруучусуна төмөнкүдөй мазмундагы кат жолдогон: «Сенин жашооң бүттү. Мен жакында алтын ордоңду ээлеп, анын маңдайына аргымагым байлап, туумду саям. Эгерде мени менен таймашууга чамаң келсе анда тез кел, анте албайт экенсиң анда тез кеткин» (Бичурин, 1950: 355-356). Уйгур каганынын кыргыздар менен согушууга чама чарпы келген эмес. Кытай министри Ли Дэюйдун белгилөөсүнө караганда, уйгурлар кырсык сазына батып, жыл санап жут уланган. Көп сандаган мал кырылып, айылдар ээн калган. Үй жайсыз адамдар чөлгө качып, өлгөндөрдүн сөөгү талаа бетин бербей уйгур мамлекетинин кунары качкан (Малявкин, 1983: 153). Табийхаттын сыноосу менен бирге башкаруу бийлигинде кризис күч алып, так талаш үчүн күрөшкө айрым уруу башчылары душмандарын жардамга чакыра башташат. Уйгур министри Курабир шатолордун жардамы менен мурда эдиздер тарабынан такка отургузулган каган Хуну 839-жылы бийликтен кулаткан. Япондук окумуштуу Т. Абэ менен новосибирскилик илимпоз А.Г.Малявкин бул саясий окуяны яглакарлар баштаган тогуз уруунун эдиздердин бийлигинен кутулуш үчүн жасаган аракети катары баалашат (Малявкин, 1983: 22). Уйгур каганатындагы кырдаал эдиздердин кыргыздарга ыкташына түрткү берген. Кырсык бирден келбейт дегендей Уйгур каганатындагы саясий каргашага коштой 839-жылы болуп көрбөгөндөй жут жүрүп, оору каптап анын аркасынан калың түшкөн кардан мал кырылган (Бичурин, 1950: 334). Ансыз да араң турган ордодо башаламандык башталат. Ошондо эдиз уруусунун башчысы Күлүг-бага кыргыздарды жардамга чакырат. Күлүг-бага кыргыздардын 100000 атчан аскерин коштоп, 840-жылы алар уйгур борбору Ордо-Балыкка (Хара-Балгас) кол салышат. Уйгур каганы Деле согушта шейит учуп, Курабир (Гюйлуфу) курмандыкка чалынган. Уйгурлардын ордосун жана ханышанын сарайын Ажо өзү көзөмөлдөп өрттөткөн. Ажо уйгур башкаруучусунун байлыгын ээлеп, Тхай-хэ ханышаны туткунга алып, конушун Лаошань тоосунун түштүгүнө которгон (Бичурин, 1950: 355-356) деп айтылат кытай жазма булагында. Кытай булактарында Лаошань тоосунун дагы бир аталышы Думань деп белгиленип, ал уйгур ордосунан 15 күндүк ат жүрүш алыстыкта жайгашкан. Уйгур ордосу болсо Орхон дарыясынын түштүк жээгинде, Эрдени-цзунун түндүк тарабында 50 км алыстыкта орун алган. Археологиялык табылгалар Орду-Балык менен анын чет жакасы кыргыздар тарабынан кыйратылганын айгинелейт. Байыркы уйгур ордосунда жүргүзүлгөн археологиялык изилдөө жыйынтыгына караганда, ал жерде «кыргыз вазалары» табылган. Тарых илиминде мындай түрдөгү кумара идиштер, Минусин өрөөнүндөгү кыргыз көрүстөндөрүнө мүнөздүү табылга деп эсептелинет. Алар жумуртка формасында, мойну ичке, түбү жазы жасалган (Евтюхова, 1948: 13). «Кыргыз вазалары» Монголия аймагындагы Тайжин-Чуло, Тойтен-Тологой жана Селенга менен Орхон дарыяларынын башка жерлеринен да табылган. Археологиялык эстеликтердин жайылыш ареалына жараша, кыргыздардын уйгур ордо калаасынан чыгышка жана түндүк-чыгышка карай чапкын жасагандыгын билсек болот. Археологиялык маалыматтарга караганда, Тува жана Монголия аймагына IX кылымдын 40-жж. тарта кыргыздар менен бирге түрк тектүү этностор көчүп келишкен.

Кыргыздардын Енисей өрөөнүнөн түштүк-чыгышты карай жер которушунун адегендеги эстелиги болуп Хакасиянын Казыре дарыясынын Тюхтат жергесинен табылган IX–X кк. таандык археологиялык материал эсептелинет. Тюхтят маданиятынын негизги белгилери катары мындай өзгөчөлүктөр эсептелинет: өлгөндүн сөөгү өрттөлүп андан чыккан калдык бир жылдан кийин мүрзөгө коюлуп, ал боз үй түрүндө дөбөчөлөнгөн. Кытай авторунун маалыматы боюнча, «көмүү убагында беттерин татышпайт, тек гана маркумдун денесин үч кабат орошуп, анан ыйлашат. Андан соң аны өрттөшүп, чогултулган сөөктү бир жылдан кийин көмүшөт. Анан барып белгилүү бир убактарда барып ыйлашат» (Бичурин, 1950: 353). Кыргыз көрүстөндөрүндө өрттөлгөн жалгыз же төрткө чейинки адамдардын сөөктөрү кездешет. Кээде алар менен чогуу өрттөлбөгөн наристелер менен өспүрүмдөрдүн сөөктөрүн коюшкан. Археолог Д. Г. Савиновдун пикирине ылайык, енисейлик кыргыздардын IX–X кк. сөөктү өрттөө салты алардын географиялык таралыш аймагынын этникалык белгиси эсептелинет (Савинов, 1984: 90). Окумуштуу кыргыз маданиятынын мындай үлгүдөгү беш тобун белгилейт: минусиндик, тува, красноярск-кандык, байкал-алтайлык жана чыгыш казакстандык.

Археологиялык материалдар көрсөткөндөй кыргыздардын түндүк багытка тараган маданият үлгүлөрү Красноярскийге чейин жеткен. Красноярск аймагынын Большемуртин районунда өрттөлүп көмүлгөн көрүстөндө кыргыз буюмдары табылган. Асыресе, археологиялык табылгаларга карап, биз кыргыздардын Минусинск өрөөнүнөн түндүктү карай саясий таасирин тараткандыгын билсек болот.

Кыргыз маданиятынын Борбордук Азиянын кеңири мейкиндигине кулач жайышынын негизги багыттары уйгурлардын качкан топторуна жараша жайылгандыгы байкалат. Чыгыштаануучу А. Г. Малявкин кыргыздардын 840-ж. кол салуусунан кийин уйгурлардын төрт багыт боюнча качкандыгын аныктаган.

Якутия менен Байкалдын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан «Чоң шивэйлерге Кэ-чжи-ли тэгиндин эки уруусу качып барган» (Малявкин, 1974: 28, 105). Байкалдын боюндагы Нижняя Иволга, Хойцегер жергесинен табылган кыргыз буюмдарына караганда кыргыздар IX–X кк. аралыгында бул аймакка чейин келишкен.

Хэ-у-чэ тегин баштаган уйгурлардын бир бөлүгү Чыгышка барып «кидандарга кол салып, ал согуш талаасында шейит учкан» (Малявкин, 1974: 28). Ал эми башка бир кытай булагында уйгурлардын 842-ж. кидандарды жеңгендиги кабарланат (Бичурин, 1950: 369). Уйгурлардын артынан сая түшкөн кыргыздар да чыгышка чейин чапкын жасашкан. Атактуу кыргыз кол башчысынын урматына орнотулган руникалык эстелик Монголиянын Суджийн-даван ашуусунун Долон-булугийн кырынан табылган. Эстеликтин мазмуну жана анын географиялык орду кыргыздардын саясий таасиринин таралыш ареалын аныктайт.

Суджи жазуусун натыйжалуу талдап чыккан чыгыш таануучу С. Г. Кляшторныйдын пикирине караганда, андагы маалымат кыргыздардын Борбордук Азиянын кеңири мейкиндигине бийлигин тараткан мезгилди чагылдырган баалуу эстелик саналат. Суджи эстелиги кыргыз тарыхый жазуу маданиятынын жана Кыргыз мамлекетинин жаңы империялык түзүлүшүн, анын империялык идеология багыттагы жаңы саясат жүргүзүү аракетин айгинелейт (Кляшторный, 1959: 169; 1991: 59).

Кыргыздар Орду-Балыкты ээлегенден кийин Уцзе тегин баштаган уйгурлардын дагы бир басымдуу бөлүгү түштүктү карай жер которушат. Уцзе тегин 832-жылкы төңкөрүштө өлтүрүлгөн кагандын иниси болгон. Жазма булак маалыматтарына караганда, «кагандын 13 уруусу Уцзе тегинди каган коюшканда, алар Цацзышань тоосунун түштүгүндө орун алышкан» (Малявкин, 1974: 27). Аталган топоним Гоби Алтайынын түштүк-чыгыш кыркасына дал келет. Жогоруда айтылгандай, уйгур каганынын ордосу талкаланган маалда теги кытайлык ханыша Тай-хэни кыргыздар өздөрү менен кошо алышкан. Кыргыз каганы саясий кызыкчылыкты көздөп Тай-хэ ханышаны Дулюй Шихэнин коштоосу менен Кытай борборуна жөнөткөн. Уцзе каган жолдо кыргыз элчилигин жолуктуруп, уйгурлар Тай-хэни кайра өздөрүнө кайтарышып тархандарды баш кылып элчиликти толук кырышкан. Уцзе каган ханышаны туткун абалында кармап, түштүктү карай сапар тарткан. Уйгурлар Гоби чөлүнөн өтүп Тяньдэ [воеводалыгы] чек арасына жетишкен. Уцзе каган императорго билдирүү жолдоп, Тай-хэ ханыша менен Тяньдэ чебинде калып жашоого уруксат сураган (Малявкин, 1974: 28).

«Синь Тан шу» жазма булагында чек ара аймагында жашаган калктын уйгурлар Тяньдэ чебине кол салат деп корккондугу кабарланат. Тяньдэ сепили Хуанхе дарыясынын чоң иймегинин батыш жагында 100 км аралыкта орун алган.

Дулуй Шихэ баштаган кыргыз элчилиги менен Уцзе каганга байланышкан окуя 841-ж. болуп, ал миссиянын натыйжасы Кыргыз каганаты үчүн белгисиз калганы байкалат. Ошондуктан, Табу Хэцу (Тапу Алп Сол) баштаган элчилик Тяньдэ чебине 842-жылдын ноябрь айында келип, ал кытайлык тарапка кыргыз ханы жазган катты тапшырган. Тапу Алп Солдун билдирүүсүнө ылайык, Дулуй Шихэ баштаган элчилик менен Тай-хэ ханышадан кабар жоктугуна кабатырланган кыргыздар, аларды издеш үчүн атайын аскер отрядын жиберишкен (Супруненко, 1974: 243).

Тан сарайынын 1-министри Ли Дэ-юй 841–847-жылдар үчүн атайын эмгек топтогон. Кытай саясатчысы Тапу Алп Сол кыргыздардын Хэло дарыясына көчүп келип, уйгурлардын жеринде жашап жатышкандыгын билдирген.

Ушундай эле мазмундагы дарек XI к. автору Сыма Гуандын эмгегинде кездешет. Бирок анда кыргыздар Хэло дарыясына көчө тургандыгын кабарлашкан. Асыресе, кыргыз-уйгур мамилелери япон окумуштуусу Т.Абэ менен А.Г.Малявкиндин эмгектеринде далилдүү материалдар негизинде изилденип, илимпоздор кыргыздардын Хэло дарыясына жер которгондугун аныкташкан (Малявкин, 1983: 108-115). Кыргыз жана уйгурлардын мамилесине келгенде кытай саясатчысы Ли Дэюйдун маалыматы ашыкча шек саноону туудурбайт. Себеби, ал Тан династиясынын 1-министри катары түндүк этностор менен саясий дипломатиялык байланышты тейлеп, алар жөнүндө маалымат топтогон.

Окумуштуулардын оюна караганда «Хэло» иероглифи түрк тилине «кара» деп транскрипцияланат. А. Г. Малявкиндин пикирине ылайык, кытай булактарында катталган «Хэло» гидроними орто кылымда Кара Мурэн аталып, анын азыркы аты Эдзин-Гол. Кытайдын жергиликтүү калкы бүгүнкү убакта да Эдзин-Голдун ортоңку агымын Хэйхэ (Кара суу) деп аташат (Малявкин, 1981: 141).

Кыргыз чапкынынан түштүккө качкан уйгур тобу 840–843-жж. Эдзин-Голдун (Кара Мурэн) төмөнкү агымынан орун алган. Тан бийлигинин 843-жылдын июль айында кыргыздарга жазган катына караганда, бул аймакта топтолгон уйгур тобу Кытай үчүн кыйла коркунуч жараткан. Императордун катында: «Мындан сырткары, белгилүү болгондой Хэло дарыясындагы уйгур ордосу толук талкаланган жок. Алардын мекенине болгон кусалыгын эске алсак, анда ал жакка кайтып келүүгө каалоосу бар деп эсептесек болот. Ошондуктан, бул аймактагы айылдардын бирин калтырбай тынчтандырыш (алардын баарын кырыш) керек» (Малявкин, 1983: 102).

Кытай мамлекети үчүн Уйгур каганатынын жерине кыргыздардын көчүп келип күч алышы жагымсыз жагдай жаратканы маалым. Тан династиясы кыргыздардын күчү менен көчмөн талаадагы олуттуу коркунучту жоготуп, эми анын ордуна башка бир атаандаштын пайда болушун каалаган эмес. Кыргыздардын активдүү аракети албетте, Кытай мамлекетин сестентбей койгон жок. Кытай бийлиги көчмөн талаадагы кырдаалды жеке саясий кызыкчылыгы үчүн пайдалана билген. Тан династиясынын уйгурларга жолдогон катында империялык дипломатия айдан ачык байкалат. «Кыргыздар азыр уйгур каганын жек көрүшөт. Канышаны издөө менен бирге сөзсүз олуттуу жортуул жасашы күтүлөт. Ар кыл жапайы урууларды бириктирип, чек ара күзөттөрүнө чейин түштүктү карай жортуул жасашат. Кагандын эли азыр ач, аскери аз. Эгерде, күчтүү душман капыстан кол салса, аны ким тозот? Бир гана Улуу Тандын кубаты, кыйын абалдан чыгууга жардам берет» (Малявкин, 1983: 107–108).

Тан династиясынын буга чейин кыргыздарга жазган каты менен уйгурларга кайрылуусун салыштыруу мүмкүн эмес. Мындай мамиле менен Кытай өлкөсү жоолашкан көчмөн калктарды бири-бирине тукуруп, империялык саясатын ийгиликтүү ишке ашырганы ачык байкалат.

Кытай жазма булактарынын маалыматтары көрсөткөндөй, кыргыздар Уйгур каганатын талкалагандан кийин Орхон өрөөнүн карай бийлигин тараткандыгы маалым. Тан императорунун 844-жылдын февраль-март айларында кыргыз каганына жазган катында, Хэло дарыясы эскерилбейт. Тан бийлигинин белгилөөсүнө караганда, «Дагы биздин билгенибиз боюнча, ушул күздө (кыргыздар) уйгур ордосунун аймагына көчүп келип, алардын улуу мамлекетин талкалап, эски журтун ээлеп калганды каалашат».

Кыргыздардын Түштүк багытында таасирин тараткандыгы археологиялык табылгалар менен бекемделет. Монголиянын Чыгыш Гоби аймагындагы Барун бичигт

Хатан булаг сомонундагы аскага чегерилген атчан жоокердин сөөлөтү табылган. Илимпоздордун иликтөөлөрүнө ылайык, петроглифтин аткарылыш ыкмасы менен ат жабдыгы енисейлик кыргыздардыкына окшош экендиги аныкталган. В. В. Волковдун пикирине караганда, Барун бичигт петроглифиндеги атчан жоокердин сөөлөтү кыргыздардын 840-ж. уйгурларды жеңип, Гоби аймагына чейин жеткендигинин далили боло алат (Волков, 1965: 286–287).

Кыргыздардын Гоби багытындагы жортуул багытын, Энянь баштаган уйгур тобуна карата жасалган чапкындын натыйжасы катары бааласа болот. Жазма булак маалыматтарына ылайык, уйгур каганы Уцзе тегин Тай-хэ ханышаны туткундап алгандан кийин, кытай ордосунан колдоо алыш үчүн натыйжасыз аракет жасаган. Уцзе кагандын ою ордунан чыкпаган соң, ал азыркы Ички Монголиянын батыш аймагын талап-тоноого киришет. Кытай армиясы менен болгон согуштун биринде Уцзе каган катуу жеңилип, ал Улуу Хинган тоо кыркасынын түштүк-батышында көчүп жүргөн хэйчелерге барып баш калкалайт. Кытай аскер башчысы тарабынан параланган хэйчелердин уруу башчылары Уцзени өлтүрүшкөн. Уйгурлар бул жерден кагандык такка анын кичүү иниси Энянды отургузушкан. Энянь кол астына 5000 адамды топтоп, си уруу башчысы Шошэланга барып баш пааналаган. Кытай аскер башчысы Чжан Чжун-у си уруусуна кол салып, аларды талкалаган. Уйгурлардын саны улам азайып, аман калган 500дөй уруу жакшылары менен Энянь каган шивэйлерге качып барат. Чжун-у шивэйлерден Энянды бергиле деп талап кылган. Жанынан корккон Энянь аялы Гэлу, баласы Дусы жана 9 атчандардын коштоосу менен аман калган элин таштап, шашылыш батышка качкан. Айласыз боздоп калган уйгурларды жети уруу шивэйлер өз ара бөлүп алышкан (Бичурин, 1950: ). Кыргыздар буга каарданып, министр Або 70000 аскер менен шивэйлерге кол салып, калган уйгурлардын баарын алып, Гобинин Түндүгүнө келген (Малявкин, 1974: 31). Ошентип кыска мөөнөткө болсо да кыргыз бийлиги Гоби чөлүнүн түштүкчыгыш тарабында орногон.

Кыргыздардын IX–X кк. арасында түндүк-батыш тарапты карай жылгандыгы археологиялык табылгалар менен даректелет. Томскинин жанында жана Обдун башатында өрттөлүп көмүлгөн көрүстөндөр табылган. Новосибирск менен Кемеров областтарында Тюхтят көрүстөндөрү ачылып, акыркы маданияттан «кыргыз вазалары» чыккан (Арсланова, 1972: 74).

Алтай менен Батыш Алтайдын ар кайсыл жерлеринен табылган археологиялык материалдар качандыр бир кезде кубаттуу түрк урпактары менен алтайлык этникалык топтордун жана теле урууларынын IX–X кк. арасында Кыргыз каганатынын курамына каратылганын ырастайт (Савинов, 1984: 92). Кыргыз мамлекетинин саясий таасиринин географиясы Тоолуу Алтай автоном областынын Усть-Канск районунун Мөндүр-Соккон айлынан табылган руникалык жазуу менен далилденет. Руникалык эстеликте «Тарпак ысымдуу мындай деди – даңктуу эр, атактуу ысымдуу, Эрке-Аныг аттуу менин улуу агам, эр жана даңазалуу кыргыз. Бул анын тагдыры» (Баскаков, 1966: 80).

Кыргыздардын Улуу Державалык мезгилинде Алтай тоосунан батышка карай ыкташкандыгы археологиялык табылгалар аркылуу далилденет. Иртыш дарыясынын оң жээгиндеги Боброво айлынан археолог Ф. Х. Арсланова өрттөлүп жана ингумация түрүндө көмүлгөн мүрзөлөрдү тапкан (Арсланова, 1972: 75). Чыгыш Казакстанда эстеликтердин көмүү салты Минусин өрөөнү жана жогоруда эскерилген Томск менен Обь дарыясынын башатында кездешкен археологиялык материалдарга тектеш экендиги адистер тарабынан белгиленген.

Казакстандык археолог Ф. Х. Арсланова мындан сырткары Чыгыш Казакстан областындагы Шемонайхин районунан өрттөө салты менен көмүлгөн 14 мүрзөнү изилдеген. Андагы көмүү салты жана кошумча буюмдар кыргыздардын Тувадагы көрүстөндөрүнө окшош болуп чыккан (Арсланова, 1972: 75). Археологиялык маалыматтар топтому кыргыздардын IX к. орто ченинен тарта батышка карай басып алуу саясатын жүргүзүп, Иртышка чейинки аймакка саясий таасирин тараткандыгын айгинелейт.

Кыргыздардын Чыгыш Казакстанды байырлап калыш маселеси аймактагы геосаясий кырдаал өңүтүндө каралышы абзел. Эгерде, кимак уруу конфедерациясынын куралыш мезгилинин ушул убакка туш келгендигин эске алсак, анда Иртыш менен Алтай аймактарын кыргыздардын кармап калышынан күмөн санаш абзел.

Ал эми аймакта орун очок алган кыргыздар болсо, кимактар менен жуурулушуп, этностук белгисин жоготушу толук ыктымал. Этникалык абсорбациянын далили катары Зевакина, Гилево, Корбохох жана башка жерлерден табылган археологиялык табылгаларды айтсак жетиштүү. Аталган маданияттарда өрттөп көмүү (кыргыздардыкы) салты менен бирге, ат менен кошо көмүү (кимактардыкы) салтындагы чогуу коюлган мүрзөлөр үстөмдүк ала баштаган (Могильников, 1981: 31).

Кыргыз каганатынын Борбордук Азияга тараткан саясий үстөмдүгү Тан Кытайы тарабынан көңүл буруу менен бааланган. Кытай стратегдери кыргыздарды өз тарабына тартып, союздаш мамлекет аркылуу көчмөн талаадагы абалын чыңдоо аракетин жасаган. Синолог Г. П. Супруненконун калыс белгилөөсүнө ылайык, Кытай империясы ошол эле убакта, кыргыздарга артыкчылык ыйгаруу менен аларды мурдагы уйгурлардын абалына жеткирип алуудан корккон (Супруненко, 1974: 246). Уйгурлар Ань Лушандын көтөрүлүшүн басыш үчүн империяга жардам бергени маалым. Мындай аракет менен алар Тан династиясынан белек түрүндө көмүскө албан түрлөрүн алып, ал түгүл империянын ички иштерине кийлигишкенге чейин барышкан. Бул ишти атайын иликтеген империянын 1-министри Ли Дэюй императорго доклад даярдаган: «Кыргыздар эбак [өз өкүмдарын] өздөрү хан деп жарыялашкан. Эми алардын күчүн колдонобуз десек, коркконум бул титулдан сараңдык кылбашыбыз керек. Уйгурлардын Ань Лушань менен Шинин [Сы-минь] көтөрүлүштөрүн басууда салымы бар. Ошондуктан [биз] [аларга] ар жылы 20 миң кесим жибекти белекке берип, алар менен соода жүргүзчүбүз. Кыргыздар эч качан Кытайга эмгек сиңирбегендиктен, кантип белек суроого батына алышат? Эгер, [Сиз] алар бизги кызмат кылат деп ишенбесеңиз, анда алар менен биримдик куруш керек. [Алар] сөзсүз уйгурлар сыяктуу өздөрүн вассал катары кабыл алганда барып, [алардын] титулга көрсөтүлгөндүгү туурасындагы грамотаны ыйгарабыз (Супруненко, 1974: 246).

Ли Дэюйдун сунушу кабыл алынып, кытай императору Ву-цзун атайын элчи жиберип, кыргыз каганына «цзунин Хюн-ву Чен-мин хан» деген титул ыйгарылгандыгын билдирген грамотаны жолдогон (Бичурин, 1950: 357). Кытай мамлекетинин кыргыздарга карата болгон мамилеси император Ву-цзундун 846-жылы дүйнөдөн кайтышына байланыштуу өзгөргөн. Тан династиясынын тагына ээлеген, анын мураскору Сюань-цзун чиновниктердин сөзүнө кирип, уйгур мамлекети кулагандан кийин, кыргыздарды күчтөндүрүүнүн кажети жок деген шыкагына ынанып, аларга болгон саясатын өзгөртөт (Бичурин, 1950: 357).

Кыргыз каганатын Улуу Державалык абалга жеткирип, кыргыздардын саясий таасирин Борбордук Азиянын кеңири мейкиндигине тараткан Ажо 847-жылдын жайында дүйнөдөн кайткан. Анын мураскору Тан Кытайынан «Ин-ву Чэнмин хан» деген титул алган. Андан кийин кыргыздар 860–873-жж. Кытай ордосуна үч жолу элчилик менен келип кетишет (Бичурин, 1950: 357).

Кыргыз каганатынын Улуу державалык абалынын өзгөчөлүгүнө төмөнкү белгилер кирет: Биринчиден, кыргыздар басып алган аймактарда саясий бийлигин бекемдөөгө аракет жасаган эмес. Анын негизги себеби, кыргыздардын басып алуу географиясы Чыгыш тарабында – Чоң Хинган, Түштүк багыты – Хэло дарыясы, Түндүк жагы – Красноярск аймагы, Батышты карай алар Чыгыш Түркстанга чейин жеткен эбегейсиз аймакты кучагына алган. Албетте, мындай кеңири аймакты кармап туруу бир этностун колунан келе берчү иш эмес. Жазма булак маалыматтарына караганда, уйгурлар Эдзин-Голго 875-жылы кайрылып келишкен (Малявкин, 1983: 111). Ал эми, кыргыздардын бул аймактан кайсыл убакта, кандайча көчүп кеткендиги туурасында маалымат жазма булактарда катталган эмес.

Кыргыздардын II миңинчи жылдын башталышын байланышкан тарыхый жазма булактарда аз чагылдырылган. Кыргыздар бул убакта кидандар менен байланыш курушканы байкалат. Кидан императору Елюй Абаоцзи 916 жана

924-жылдары эки ирет Монголияга чабуул жасайт. Анткен менен кидандардын кыргыздарга кол салгандыгы туурасында маалымат кездешбейт (Худяков, 1989: 36). Кыязы, кыргыздар буга чейин эле Монголиядагы ордосун Тубадагы Хемчик дарыясындагы сепилдин бирине көчүрсө керек. Белгисиз автор тарабынан жазылган «Худуд ал-Алам» булагынын маалыматына караганда, кыргыздардын чыгышында жашаган фурилерден (кырыкандар – М. К.) алыс эмес жерде кыргыз каганынын ордо шаары жайгашкан жана ал Кемиджкет деп аталган (Худуд ал-Алам, 1973: 41). Кыргыздардын Тувадагы конушу бай археологиялык, палеографиялык эстеликтерди калтырган. Муну менен бирге тувалыктардын арасында азыр дагы «кыргыз» аталыштагы уруулар кездешет. С.И.Вайнштейндин пикирине ылайык, алар кыргыздардын IX к. калган урпактарынан экендигинен талаш жок (Вайнштейн, 1991: 11).

Жазма булак маалыматтарына караганда, Түштүк Сибирде калган кыргыздар кидандарга көз каранды болушу толук ыктымал. Кидан мамлекетинин тарыхын чагылдырган булактарда, кыргыздар Ляо бийлигине дайыма салык төлөп турушкандыгы катталган. Ляо Тайзундун убагында кидан өлкөсүнө билим алыш үчүн Кыргыз мамлекетинен келген адамдарды батыш чек арасы тейлегендиги кабарланат (Кюнер, 1951: 12).

Түндүк Кытайдагы согуш алааматынын Х к. аягында күч алышы, Ляо империясынын саясий багытын өзгөртүүгө дуушар кылган. Согуш эпкининен качкан монгол тилдүү этностордун Монголияга жапырт жер которуу процесси жүрөт. Чыгыш авторлорунун чыгармаларында элдердин көчү төмөнкүдөй чагылдырылат: «Алардын арасында кун аталган адамдардын тобу бар. Алар кытай ханынан коркуп, Кытай жеринен келишкен. Алар несториандык христиандар. Жайыттын тартыштыгынан улам, алар жерин таштаганга мажбур болушкан. Аларды [кундарды] каи аталган эл кууп келген. Алар көп сандуу жана булардан күчтүү. Кундар шарлардын жерине жайгашып, шарлар түркмөндөрдүн жерине көчүшкөн. Түркмөндөр огуздардын чыгыш жергесинен орун алышып, огуздар болсо Армян деңизине жакын печенегдердин аймагына жер которушкан (Храковский, 1959: 212). Марвазинин «Табаи аль-хайаван» чыгармасындагы маалыматты талдаган окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү, элдердин жер которуу процессин кидан мамлекетинин саясий таасиринин жайылышы менен байланыштырышат.

Кидандардын күч алышы Монголиянын этникалык мозаикасын өзгөртүп, ал кыргыздардын абалына да таасир тийгизген. Чыгыштан башталган элдердин жер которуу эпкинине кыргыздар да кабылып, Х к. акыры XI к. башталышында алар Тува жана Минусин өрөөндөрүнөн орун алышкан.

Кыргыздардын Монголиядагы кыска убакытты кучагына алган бийлиги тарых барактарында эле эмес, мындагы монгол тилдүү калктардын эс тутумунда сакталып калган. Кыргыздар бул аймактан көчүп кеткенине карабастан, байыркы монголдор Монголиядагы эстеликтерди «херексур» деп атап алышкан. «Херексур» монголчо хэргэс-уурдун кыскартылган айтылышы катары, ал «кыргыз уясы» же гэргэс-хуур – «кыргыз көрүстөнү» деген түшүнүктү берет. Илимпоздордун иликтөөлөрүнө ылайык, «херексурлардын» кыргыз маданиятына эч кандай тиешеси болбогону менен алар туурасындагы элес тарых акыйкаттыгынан күчтүү экендигин айгинелейт.

Улуу державалык мезгил кыска убакытка уланганы менен ал кыргыздардын саясий бийлигин Борбордук Азиянын кеңири мейкиндигине жайылткан. Анын негизги түшүнүгү катары, кыргыз куралы менен кыргыз маданиятынын доминациялык абалга көтөрүлүшү эсептелинет. Маданият үлгүлөрүнүн таралыш ареалына жараша локалдык этникалык территориялар пайда болгондугун белгилей кетмекчибиз. Улуу Державалык абалга жеткен кыргыздар Борбордук Азиянын кеңири мейкиндигине маданий дөөлөтүн таратышы, мамлекетинин олуттуу ийгилигине эле эмес, тескерисинче, ал кыргыз биримдигине, мамлекеттин бүтүндүгүнө терс таасир тийгизген. Натыйжасында, кыргыз этносу эки бөлөк жерге жайгашып, мамлекеттин саясий жана аскердик күчү бөлүнүп, тышкы дүйнөгө, каршылашкан душмандарга чогуу чыгып күрөшүү дарамети жоголгон.

 

3.6. Кыргыздардын Енисейден Тянь-Шанга жер которуш маселеси

Кыргыздардын Енисейден Тянь-Шанга жер которуш маселеси тарых илиминдеги олуттуу проблемалардын бири эсептелинет. Кыргыздар тарабынан 840-ж. Уйгур каганаты кулатылгандан кийин, енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстанга оогон. Кытай жазма булактарына караганда, Пан тегин баштаган уйгурлар Чыгыш Түркстандагы Куча аймагына качып келишкен (Малявкин, 1983: 200). Кыргыз колу уйгурлардын бул тобунун аркасынан сая түшкөндүгү жазма булактарда катталган. Кытай борборуна 843-жылы келген кыргыз кол башчысы Тапу Алп Сол «аларга беш уруу – Аньси (Куча), Бэйтин (Бешбалык), Дада (татарлар) жана башкалар баш ийгендигин кабарлаган» (Материалы, 2003: 50). Кытайдын «Гуцзинь тушу цзичэн», «Сюй тунчжи», «Синь Тан шу», «Эрши уши» булактарында «кытай императору бул жерлерди кыргыздардан сурап алууну каалагандыгы» туурасында маалымат камтылган. Кытай императору 843-

ж. апрель айында кыргыз Ажосунун ордосуна өз элчиси Чжао Фанды жөнөткөн. Чжао Фань кайрылып келгенден кийин кыргыздар Аньси менен Бэйтинге чабуул койгондугун жана жардамга аскер жибериш керек деген билдирүү жасаган (Малявкин, 1983: 197).

Кыргыздардын IX к. биринчи жарымында Чыгыш Тянь-Шанга жер которуусун кабыл албаган окумуштуулар эмнегедир, кытай булагындагы ушул гана маалыматты колдонуп келишет. Чындап эле, Чжао Фандын докладына ылайык император Чыгыш Түркстанга аскер жиберсе, анда кыргыздардын бул аймакты ээлеп калышы туурасында сөз кылууга мүмкүн эмес.

Анткен менен кытай булагынын экинчи бөлүгүндө, Тандык Кытайдын 1-министри Ли Дэюй императорго жолдогон докладында окуяга мындайча баа берилген: «Географиялык жактан Аньсиден борборго чейин 7000 ли, Бэйтинден болсо 5200 ли. Бейпил мезгилде Хэсиден (Ордо) жана Луньюдан (азыркы Ганьсу провинциясынын чыгыш тарабы) батыш провинцияларга сапар тартканда, Юймэнь күзөтү аркылуу кетчүбүз. Ал жолдун боюнда Тан мамлекетинин округдары, уездери болуп, аларда ири аскер бөлүктөрү жайгашчу. Качан Аньси менен Бейтинге аскер керек болгондо, аларды ошол жакынкы жерден топточубуз. Кыйынчылык башталгандан бери Хэси менен Лунью толугу менен тибеттиктердин колуна өттү. Ошондуктан, уйгур жолун колдонуш керек эле. Азыр уйгурлар толук талкаланды. Ал эми, алардын кыргыздарга толук баш ийгендиги беймаалым. Алсак, ыңгайлуу учурда да жардам көрсөтүш үчүн, ар бир гарнизонго 10000 адамдан кем эмес ханьдык жоокерлерден турган аскер жайгаштырыш керек. Мынча адамды каяктан топтойбуз? Кайсыл жол менен тамак-ашты ташыйбыз?» (Малявкин, 1983: 137) Кыраакы саясатчынын эскертүүсүн, ошондой эле Тандык

Кытайдын оор саясий-экономикалык абалын эске алсак, Борбордук мамлекеттин кымбат жортуулду жасоого чама чарпы жеткен эмес. Андан кийин Чыгыш Түркстандагы Тибет бийлигинин жоюлушу менен өз алдынча аймактык бийликтердин пайда болушу толук ыктымал. Кытайдын ички абалын жана Чыгыш Түркстандагы кырдаалды эске алып, Тан бийлигинин уйгурларга жардам берүүгө чамасы келген эмес деп тыянак чыгарууга толук негиз бар. Чыгыш Түркстандагы мындай абал Борбордук мамлекеттин саясатына туура келгендиги байкалат.

Ал эми, кыргыздардын Куча менен Бешбалыкты каратып алгандыгы туурасындагы маалымат Гуцзинь тушу цзитэн, Сюй тучжи, Син Таншу, Эрши уши маалыматтарында айтылат.

«Уйгур тарыхынын» авторлорунун пикирине ылайык, Цзюйлу Мохэнин уруусу (Эдиздер – М. К.) жана качканга кудурети жок калктын катмары кыргыздардын бийлигине баш ийишкен (Краткая история уйгуров, 1991: 131).

Уйгур коому жана андагы ар башка уруулардын башы бириккен конфедерациялык түзүлүш, мамлекеттеги бийлик талашуу сыяктуу саясий окуялар чыгыштаануучу А.Г. Малявкин тарабынан жетик изилденген.

Уйгур каганаты 840-ж. талкалангандан кийин, өлкөнүн батыш бөлүгүндө жайгашкан эдиздердин жер которушу туурасындагы маалыматтын жок экендигин эске алып, А.Г.Малявкин каганаттын батыш жагы кыргыз калайманын башынан кечирген эмес деп белгилейт (Малявкин, 1983: 129–130). Чынында эле, кыргыздардын кечээги эдиз союздаштарына каршы чапкын жасашына саясий жана согуштук жактан негиз болгон эмес.

Уйгур мамлекетиндеги карама-каршылаштык каганат кыйрагандан кийин да уланган. Тандык Кытайдын Пантегин менен байланыш түзүү аракети, уйгурларга каршы маанайдагы уруулар тарабынан ойрондолгон. Атайын жиберилген элчилик таланып, кытай миссиясынын адамдары өлтүрүлгөн (Малявкин, 1983: 131).

Убагында уйгур конфедерациясына кирген теле уруу бирикмеси 866-жылы Пан-тегиндин жетеги менен Турфан ойдуңун жана Бешбалыкты ээлешет (Малявкин, 1983: 13). Анткен менен теле урууларынын бул аймакка эмне себептен жер которушу жөнүндө маалымат жок. А.Г. Малявкиндин пикирине ылайык, балким айрым уйгур урууларынын Бешбалыкка жер которуусу кыргыздардын кысымы астында жасалып, кыязы аларды Бешбалык менен Турфандын байлыгы кызыктырса керек деп боолголойт (Малявкин, 1983: 131).

Жазма булак маалыматтарына караганда кыргыздардын Чыгыш Түркстандын батыш аймагына жылышы IX к. аягында жүрүшү толук ыктымал. Беймаалым автор тарабынан жазылган «Худуд ал-Алам» булагында «Пенчул (азыркы Үч Турпан – М. К.) карлук өлкөсүндө орун алып, мурда ал тогузгуздар тарабынан башкарылчу, азыр аны кыргыздар ээлешти» (Mүnorsky, 1937: 98) деп айтылат. Кол жазманын 982-ж. жазылышын эске алсак, анда кыргыздарга байланышкан окуя ушул жылдарга утурлай жүргөндүгүн баамдасак болот. Академик В. В. Бартольд жазма булакта эскерилген окуянын IX к. аягында өткөндүгүн белгилейт. Белгилүү тюрколог В. В. Радловдун пикирине ылайык кыргыздардын Енисейден Тянь Шанга X кылымда көчүп келишкен (Radloff, 1863: 316–317).

Турфан идикуттугуна (866–1369) 981–983-жж. элчиликке келген Ван Яьденин маалыматында кыргыздар Турфан бийлигине кирген этностордун катарында катталат. Жазма булак маалыматтары көрсөткөндөй, кыргыздардын Чыгыш Түркстандагы абалы «экспедициялык» эмес, этникалык мүнөз алган. Кыргыздардын бул тобу теле уруулары менен бирдикте Чыгыш Түркстандын батыш бөлүгүн өздөштүрүп башташкандыгы байкалат.

«Худуд ал-Алам» булагынын маалыматтарына караганда, «Кашгар Чинистан дубанына кирет, бирок ал йагма, тибет, хырхыз жана Чиндин чегинде жайгашкан» (МИКК, 1973: 41). Белгилей кетчү нерсе, беймаалым автор эскерген карлук, чигил, йагма, тухси, тогузгуздар (уйгурлар – М. К.) Орто Азия, Түштүк Казакстан жана Чыгыш Түркстан чөлкөмүндө жашаган түрк тилдүү этностордун катарына киришет. Мунун өзү, кыргыздардын Үч Турфандан Кашкарга жана Х к. тарта Нарын дарыясынын түштүгүндө жашаган йагмаларга чейин ыктагандыгын айгинелейт. «Худуд ал-Алам» боюнча кыргыздар карлук менен чигилдердин түндүгүндө, тухсилердин батышында орун алган (МИКК, 1973: 41–42). Беймаалым автордон башка араб-перс чыгармаларында белгилегендей, карлуктар Чүй жана Талас өрөөнүндө, тухси менен чигилдер Ысык-Көл кылаасында орун алышкан (МИКК, 1973: 41–43). «Худуд ал-аламдын» башка бир жеринде мындай деп айтылат: «Дагы бир тоо тогузгуздардан башталып, Ысык-Көл аркылуу уланып, тухсилерге чейин созулат. Карлук чегинен бурулуп, анын кыркасы кыргыздын бир уруусунун аймагына өтөт. Бул тоону Тулас дешет» (МИКК, 1973: 41–43). В. Ф. Минорский бул тоону Алтай тоосу менен айкалыштырат (Mүnorsky, 1937: 202). Бирок беймаалым автордун сүрөттөөсүнө караганда, бул тоо Күңгөй менен Или Ала Тоосуна жакындай көрүнөт.

«Худуд ал-Аламдын» автору өз алдынча, эки башка жерде жашаган кыргыздар туурасында кабарлайт. «Тогузогуздардын чыгышында Чин өлкөсү, түштүк тарабында бир жагы Тибет менен карлуктар, батышында кыргыздардын бир бөлүгү, ошондой эле түндүгүндө дагы кыргыздар жашайт» (МИКК, 1973: 40) деп айтылат. Тарыхый маалыматтарга ылайык, енисейлик кыргыздардын батыш тарабындагы коңшусу кимактар болушкан. Ошол эле кезде, «Худуд ал-Аламдын» автору Каркара хан (же Кыркыр хан) аймагындагы кыргыздарга салты окшош кимактар жөнүндө эскерет. В. Ф. Минорский бул аймакты азыркы Каркара жергесине жайгаштырат Казак окумуштуусу Б. Е. Кумеков топонимикалык окшоштукка берилбей, жер атын Тарбагатай менен Колбин кыркаларынын аралыгынан издөөнү сунуш кылат (Кумеков, 1972: 66). Асыресе, жазма булак маалыматы каркаралык кимактарга коңшу жашаган Жунгариядагы кыргыздар жөнүндө сөз кылуу керектигин эскертет.

Аль-Истахринин жазганы боюнча кыргыздардын жери тогузгуз, кимак, хазлактар жана «деңиз курчаган аралыкта» жайгашкан. Араб-перс авторлору XI-XII кк. хазлактар менен тогузгуздарды Орто Азия, Чыгыш Түркстандын калкы деп билишкен. Демек, аталган уруулар жогоруда келтирилген жазма булак маалыматтар алкагында кыргыздар менен Теңир Тоо аймагында гана чектеше алмак. Мындан тышкары аль-Истахри Кыргыз өлкөсү Усрушан, Фергана, Илак, Шельжи, Лабандын нары жагында деп кабарлайт (Абу Исхак ал-Истахри, 1870: 312). Жазма булакта эскерилген топонимикалык аталыштар орто кылым убагында төмөнкүдөй локалдашат: Илак топоними Ташкендин чыгышында, Шельжи шаары Таласта, Лабан болсо Кемин районунда жашаган карлук уруусунун бири болгон (История Киргизской ССР, 1956: 111). Аль-Истахринин айтымында, лабандардын конушунан ары кеткен тоо, кыргыздарга чейин созулган. Арийне, Кеминден чыгышты карай Күңгөй Ала Тоосу кыркалайт эмеспи (Атлас Кирг.ССР, 1987: 18-19). Орто кылым аалымынын географиялык маалыматы, кыргыздардын IX–X кк. Кулжа шаарынын аймагындагы Или, Шарын дарыяларынын, Текес, Күңгөстөн Түндүк-Чыгыш тарабындагы аймакта орун алгандыгын айгинелейт.

Жогоруда эскерилген аль-Истахринин маалыматы ибн Хаукалдын (X к.) эмгегинде кайталанат (ибн Хаукал, 1872: 361). «Худуд ал-Алам» кол жазмасын кылдат изилдеген В. М. Минорский кыргыздарды Тарим дарыясынын боюна жайгаштырган (Mүnorsky, 1937: 283). Кыргыздардын IX–X кк. Теңир Тоого жер которушу жазма булак маалыматтары, археологиялык табылгалар менен даректелет. Жунгар Ала-Тоосунун Текели шаарына жакын жердеги бузулган көрүстөндө 1961-ж. жүргүзүлгөн археологиялык казууда 76 темир менен коло буюмдар табылган. Андагы жебе, таралгалар VIII–X кк. таандык болуп чыккан. Аларды изилдеген окумуштуулар төмөнкүдөй тыянак чыгарышкан: Мындай табылгалар Казакстандын чыгышындагы кимак көрүстөндөрүнө мүнөздүү. Ушундай эле жакындык Түндүк Кыргызстан, Түштүк Сибирдеги енисейлик кыргыздардын көмүү салтында байкалат (Агеева, Джусупова, 1963: 178). Эстеликте табылган үч кырдуу жебелер Зевакино жана Бобровскидеги кыргыз мүрзөлөрүнөн чыккан табылгаларга окшош. Ал эми Текелидеги материалдарды Минусинск өрөөнүндөгү археологиялык эстеликтер (Левашева,1952: 127) менен салыштыруу жолу менен кыргыздардын Теңир Тоого жер которгондугунун бир белгиси катары карасак болот.

Д. Г. Савинов топтолгон археологиялык материалдарга анализ жасап, Түштүк Сибирдеги жана Чыгыш Казакстанда түптөлгөн енисейлик кыргыз маданияты Чыгыш Теңир Тоого чейин таркаган деген тыянакка келген. Илимпоздун пикирине ылайык, «А. Н. Бернштам тарабынан аз да болсо жарыяланган кыргыз буюмдарына түспөлдөш таралга, кур кемерлерди жаңыча көз карашта баалап, аларды кыргыздардыкы деп эсептеш керек» (Савинов, 1978: 213).

А. Н. Фетисов 1891-ж. Кочкор өрөөнүндө археологиялык казууларды жүргүзгөн. Андан чыккан табылгалар менен жергиликтүү калктан алынган буюмдар Санкт Петербургдагы Эрмитажга алынып кеткен. А. Н. Бернштамдын изилдөө жыйынтыгына караганда, убагында Фетисов тапкан буюмдар VIII–IX кк. таандык экендигин белгилеген. А. Н. Фетисовдун табылгасын Минусинск өрөөнүндөгү Копен чаатасынын буюмдары менен салыштыруу аркылуу археолог окумуштуу төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: «Каралган буюмдар сюжеттик жана композициялык жактан, кандайдыр бир деңгээлде техникалык аткарылуусу боюнча бир тектүү. Кочкордон табылган буюмдар енисейлик кыргыздардын IX к. аягы менен Х к. башында Теңир Тоого тараш мезгилинин ажайып үлгүлөрү эсептелет» (Бернштам, 1952: 92-94).

А. Н. Бернштам Нарын дарыясынын боюндагы Аламышык № 102-көрүстөндө казуу жүргүзүп, эстеликтин көмүү салты Л. А. Евтюхова жарыялаган енисейлик кыргыздардын VIII–IX кк. табылгалары менен окшоштукту тапкан. Ошондуктан, № 102-көрүстөндү ал енисейлик кыргыз жигине кийрип, андагы археологиялык материалдарга таянып кыргыздардын ҮX к. Теңир Тоого келген деп эсептейт (Бернштам, 1952: 81–84).

Токмоктун чет жакасындагы Ак-Бешим шаарчасында археологиялык казуу жүргүзгөн москвалык археолог Л.Р. Кызласов ҮX к. биринчи жарымына мүнөздүү ооздук жана псалий тапкан. Ак-Бешим табылгалары арасынан Минусинск өрөөнүндөгү Капчал жана Уйбат эстеликтерине мүнөздүү келген тоо текелердин псалийи (Кызласов, 1959: 215) айрыкча кызыгуу жаратат. Санктпетербургдук археолог Д. Г. Савиновдун пикирине караганда, «эгер, бул буюмдарды салыштырып көрсөк, анда Ак-Бешимдеги будда храмын кыргыздар кыйраткан дегенге негиз бар» (Савинов,1989: 81).

Аталган археологиялык табылгалар жазма булак маалыматтары менен бекемделет. Бизди кызыктырган мезгилде, Бухарадан мекенине кайткан Кытай элчилигин араб географы Абу Дулаф коштоп чыккан. Алардын сапары Кыргызстан аймагы аркылуу кетип, андан ары Чыгыш Түркстанга уланган. Саякатчынын сапарынын жыйынтыгында Борбордук Теңир Тоо, Жети Сууда жашаган карлук, чигилдер туурасында маалымат камтыган «баяндама» жазылган. Абу Дулафтын чыгармасында кыргыздар тогузгуз менен карлуктардын арасында жайгаштырылып, башкача айтканда «Худуд ал-Алам» менен жогоруда талданган маалыматтар топтомун ырастайт. Абу Дулаф эскерген кыргыздардын тамакка күрүчтү колдонушу тууралуу билдиргени кыргызтаануу үчүн айрыкча маанилүү. Кытай жазма булактарында енисейлик кыргыздардын тамакашында күрүч колдонушкан эмес. Ошондой эле, азыркы алтай, хакас тилдеринде «күрүч» деген сөз жок. Белгилүү кыргызтаануучу Өмүркул Караевдин пикири ылайык, Абу Дулафтын кыргыздардын тамак ашына күрүчтүн колдоно тургандыгы жөнүндөгү маалыматы, Чыгыш Түркстанга жер которгон кыргыздардын тиричилигин айгинелейт (Караев, Кожобеков, 1989: 57).

Альберт Ле Кок 1913-ж. Чыгыш Түркстандын Кум-Тур кыштагынан эпиграфикалык эстелик тапкан. Сүрөттөгү эки фрагментти новосибирскилик окумуштуу Ю. С. Худяков кылдат иликтеп чыгып, анын аткарылыш ыкмасы, кийими, курал жарагы енисейлик кыргыздардын ушундай мазмундагы эстеликтерине окшош экендигин аныктаган. Илимпоздун пикирине ылайык, Сүрөттү жергиликтүү сүрөтчү тарткан жана ал кыргыздардын Чыгыш Түркстанга кол салганына күбө болуп, жоокерлердин образын жергиликтүү шартта калыптанган чыгармачыл шыгына жараша чагылдырылса керек деген тыянакка келген». Автордун көз карашы боюнча Кум-Тур оазисине кыргыздардын чабуулу 840-жыл менен Х к. башталышына чейин жасалган (Худяков, 1979: 109).

«Улуу жибек жолун» изилдеш үчүн ЮНЕСКО уюштурган долбоор алкагында Кытай Элдик Республикасынын Чыгыш Түркстан бөлүгүн иликтөөгө катышкан новосибирскилик окумуштуу Ю. С. Худяков «Кыргыз Улуу Державалык» мезгилине таандык бир канча буюмдарды тапкан (Худяков, 1991: 72). Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Үрүмчү шаарындагы тарыхый музейде коюлган Вашисия эстелигиндеги табылгалар Ю.С.Худя ков тарабынан изилдөөгө алынып, алардын ҮX–X кк. енисейлик кыргыз маданиятына тектештиги тастыкталган. Таанымал археолог жана кыргыз маданияты боюнча дасыккан адистин Вашися эстелиги туурасындагы айткан ою кыргыз таануу илими үчүн айрыкча маанилүү. Ю.С. Худяковдун пикирине караганда Вашися эстелиги енисейлик кыргыздардын бул мезгилде Чыгыш Түркстанга жер которгондугуна далил боло алат (Худяков, 1992: 34–37).

Жогоруда белгиленгендей, кытай элчиси Ван Яньдэ 981–983-жж. Турфан идукуттугуна келген. Элчининин билдирүүсүнө ылайык, «Гаочан мамлекетинин бийлигине түштүк, түндүк туцзюэлер, чоң жана кичине чигилдер, йагма, кыргыздар, барман, геттер, урунгу уруулары баш ийген» (Малявкин, 1983: 177). Кытай элчиси Турфан идикуттугун кыдырып, андагы саясий абалды өз көзү менен көрүп, мамлекеттин абалына жана анда жашаган калктардын жайгашышына күбө болуп кайткан. Анын жазганы боюнча Турфан идукуттугунун батыш чеги Кучага чейин созулган. Мындан ары Караханийлер мамлекетинин чеги башталгандыктан элчинин маалыматы тарыхый кырдаалга төп келип, маалымат топтомунда геосаясий абал эске алынганы байкалат. Ван Яньдэнин жогорудагыдай көрсөткөн калктардын географиясы Турфан идикуттугунун алкагында орун алган. Ошондуктан элчинин маалыматында эскерилген кыргыздар менен бирге чигил, йагмалардын айтылышы, буга чейин белгилеген мусулман авторлорунун дарегин ырастап, кыргыздардын Чыгыш Түркстанда жашагандыгын айгинелейт. Ал эми чигил, йагма уруулары Х к. II жарымында Борбордук Теңир Тоо аймагында жашап, караханийлер каганатынын орношуна чечүүчү роль ойношкон (Караев, 1963: 77–81; Караев, 1983).

Ушул убакта өткөн орошон окуяларга байланыштуу араб автору аль-Марвази (XI–XII кк.) Чыгыш Теңир Тоолук кыргыздар туурасында айрыкча маанилүү маалымат калтырган. Ал-Марвазинин айтымында «кыргыздар түрк калктарынын бири. Жайкы чыгыш (түндүк-чыгыш) менен түндүктө жашаган көп сандуу эл. Кимактар алардын түндүгүндө (жашайт). Йагма, карлуктар – батышында. Куча менен Арк (аларга салыштырмалуу) кышкы батыш

(түштүк-батыш) жана түштүк тарабында орун алган» (Marvazү, 1942: 18).

Эгерде, кимактардын VIII–IX кк. Ортоңку Иртыштан Жунгар дарбазасына чейинки аймакты ээлешкендигин (Кумеков,1972: 115) эске алсак, анда кыргыздар кимактардын түштүк тарабындагы коңшусу болуп чыгат. Аль-Марвазинин эмгегинде карлуктар мурда Алтайда жашашкан. Алар тогузгуздардан жеңилгенден кийин Жети-Суу, Чүй-Талас өрөөнүн жердеген түргөш өлкөсүнө көчүп келишкен (Marvazү, 1942: 18). Демек, кыргыздар – йагма, карлуктардын чыгышында, Карашар менен Кучанын түндүк чыгышында, болжолдуу түрдө Или дарыясы менен Манас өрөөнүнүн аралыгында көчүп жүрүшкөн.

Мындан тышкары, аль-Марвази кыргыздардын көмүү салтында өзгөрүү жүргөндүгүн. «Кыргыздардын салтында өлгөндү өрттөшчү; алар от тазартып, аруулайт деп ишенишет. Алардын салты мурда ушундай эле, качан мусулмандардын коңшусу болгондон бери, сөөктү көмүп калышты» (Marvazү, 1942: 18) деп жазган Селжук султандарынын мурдагы дарыгери. Асыресе, адам анатомиясын, мындан тышкары мусулманча көмүү салтын мыкты билген врачтын жана илим адамынын кыргыз салтында өткөн өзгөрүштү каттоосу ынанууну эле жаратпастан, балким аль-Марвазинин бул окуяга күбө болгон же маалыматты ишенимдүү адамдардан укса керек деп тыянак чыгарууга негиз бар.

Новосибирскилик окумуштуу О. А. Митько аль-Марвазинин бул маалыматын IX–X кк. Чыгыш Түркстанга жер которгон кыргыздар арасында болгон деп тыянак чыгарат. Илимпоздун көз карашына караганда, кайсыдыр бир калктын коомдук-экономикалык турмушунда кескин бурулуш окуя жүргөндө гана барып, айрыкча консервативдүү саналган көмүү салтында өзгөрүү болот (Митько, 1994: 223). Адам ишениминдеги купуя ишенимге байланышкан салтка мисал катары, ал аварлардын башта сөөктү өрттөсө, кийин Дунайга барганда алар сөөктү көмүү салтына өткөндүгүн көрсөтөт.

Жогоруда белгилегендей, Енисейде жашаган кыргыздар сөөктү өрттөп көмүшкөн жана алардын түштүк тарабында жашаган наймандар XI–XII кк. ислам дининен кабары болгон эмес. Аль-Марвазинин убагында ислам дини Или дарыясы менен чектелген. Аль-Марвазиден 46 жыл мурун эмгек жазган Махмуд Кашгари, ислам дини түштүк-чыгышта Черченге чейин, түндүк-батышында Куми-Тарас дарыясына жана Или дарыясынын өрөөнүнө чейин тарагандыгын белгилеген (Кашгарий, 1960: 253, 347). Караханийлер каганатында ислам мамлекеттик динге айланган. Анын чыгыш чеги Черченден бери өтүп, Куча, Сасык Көл жана Балхаштын батыш тарабына чейин жайылган. В. В. Бартольддун пикирине ылайык Чугучак, Эмил дарыясынын өрөөнү XII к., ошондой эле, XI к. ислам таасиринин тышында калган (Бартольд, 1968: 104).

Кытайтаануучу Таалайбек Бейшеналиевдин азырынча тарых илимине кеңири тартыла элек Сун (960–1279), Ляо (907–1125), Цзинь (1113–1234) династияларынын мезгилин камтыган кытай картасын чечмелеп иликтеши, мусулман авторлорунун кыргыздардын бир бөлүгүнүн Чыгыш Түркстанга орун алгандыгын көрсөткөн маалыматтарын тастыктайт. Кытай картасында Ляо, Түндүк Сун мезгилиндеги кыргыздар Уши, Аксудан батышыраак, Кашгар суусу менен Барчук айлынан түштүгүрөөк, Жогорку Артуш менен төмөнкү Артуштан түндүгүрөөк жайгашкан. Т. Бейшеналиевдин көз карашында кыргыз конушу караханийлердин чыгышында, уйгурлардын батышында, башкача айтканда, эки мамлекеттин ортосунан орун алган.

Ошондой эле, Цзинь, Түштүк Сун мезгилиндеги кыргыздар «Цяньхэ (Енисей) өрөөнүндө, Цяньцяньчжоунун (Кэм Кемжиут) жана Убсунор көлүнүн түндүк тарабында жайгаштырылган. Кыргыздардын түштүк-батышында Алтай тоосу белгиленген. Т. Бейшеналиевдин иликтөөсүнө ылайык, Чыгыш Түркстандагы жана Енисейдеги кыргыздардын топтору бирдей «сяцзястар» деп жазылган.

Мунун өзү, Чыгыш Түркстанга IX к. жарымында жер которгон кыргыздар монгол дооруна чейин бул аймакты жердеп келгендигин ырастайт.

«Маджму ат-Таварих» (XVI) булагында монгол дооруна чейинки кыргыздардын тарыхы жана алардын ислам динине тартылыш жагдайы кабарланат. Жазма булакта кыргыздардын оң жана сол канаттык теги Ана-л-хакктан тарагандыгы белгиленет. Кыргыз санжыраларында болсо, Аналхак, Ша-Мансур деп айтылган Шейх Мансур алХаллаж туурасында өзүнчө уламыштык аңыз кеп тараган (Винников, 1956: 40; Закиров, 1996: 31).

Кыргыздар арасында даярдалган «Шажара-йи насаб наме-йи илатийа» (Санжыра жана көчмөн элдердин жаралышы) кол жазмасында, кыргыздардын Шейх-Мансур Халлаждан тарагандыгы айтылат (Мокеев, 1984: 146–147).

Салттуу санжыралык нукка ылайык, кыргыздардын теги Ша-Мансур, Аналхак деп айтылып келсе, «Шажарайиде» ал толук түрүндө Шейх Мансур Халлаж деп берилет.

Шейх Мансур ал-Халлаж (858–922) орто кылымдагы мусулман дүйнөсүнө атагы чыккан айтылуу суфий шейхи катары белгилүү. Мусулман авторлорунун айтымында ал өзүн «Ана-л-хакк» (Мен-кудаймын) деп атаган (Ислам, 1991: 269). Ал-Халлаж 897-ж. окуучулары менен Багдаддан Чыгыш Түркстанга сапар тартып, Турфанга чейин барган. Анын Чыгыш Түркстанга келишинин максаты «кайырдин» түрк элдерин исламга тартуу болгон. АлХаллажтын Чыгыш Түркстанга сапарын алгач изилдеп чыккан француз окумуштуусу Л. Массиньон, кыргыздардын IX к. орто ченинде Кочону ээлегенине көңүл бурган (Мокеев, 1984: 148). Академик В. В. Бартольдтун белгилөөсү боюнча ислам дининин таасирине мусулман өлкөлөрүнө коңшулаш жашаган калктар кабылышкан. Дербиш ордениндеги шейхтердин окуусу маданияттуу областтарга караганда, көчмөн талаадагы ийгилиги олуттуу болгон (Бартольд, 1963: 125).

Асыресе, кыргыз санжыраларындагы Шейх Мансур ал Халлаж жөнүндөгү дарек, Чыгыш Түркстанга IХ к. жер которгон кыргыздардын ислам динине тартылышын ырастайт. Аны менен бирге, ал-Марвазинин кыргыздар качан мусулмандарга коңшу болуп жашагандан баштап көмүү салты өзгөргөн деген маалыматынын баркын арттырып, алардын хронологиялык жана мейкиндик мазмунундагы жакындыгын айгинелейт.

«Мажму ат-Таварих» булагында кыргыздардын 40 гуздан тарагандыгы туурасында кызыктуу маалымат келтирилет. Султан Санжар тарабынан кырылган 40 гуз Хожент тоолоруна барып жашынган. Мындан улам кыргыз аталышы фарсыча «чехель гыз», түркчө «кырк гыз» (кырк гуз) аталып калгандыгы кабарланат (Маджму ат-таварих, 1960: 37). Жазма булакта, 40 гуздун урпактары эсептелген Лур-хан менен Лур-бузург болсо, Ана-л-хакктын балдары болушкандыгы белгиленет. Ошондой эле, имам Ибрахим Ана-л-хакктын балдарын оң жана сол канатка бөлгөндүгү кабарланат (МИКК, 1973: 205). Айрым окумуштуулардын пикирине караганда, Мансур ал-Халладждан тараган тек кийин кыргыз этносуна кошулган гуздар болушу мүмкүн.

Анткен менен санжыралык нукту талдаганда, андагы маалыматтык фактыга караганда, булактагы идеологиялык басымга, жалпы маанидеги түшүнүк менен багытына көңүл буруу абзел. Алсак, адегендеги 40 санынын кыргыздардын тегине байланышкан маалымат енисейлик кыргыздарга таандык. Кытайдын «Юань ши» (XIII к.) жазма булагындагы маалыматка ылайык, «Цзилицзистер (кыргыздар – М. К.) өздөрүнүн тегин, Хань жеринен чыккан 40 кыз, Усылардын эркектери менен кошулушунан башташат. Ошондуктан, бул мааниде (кырк) өз жерин атап калышкан» (Кычанов, 1963: 59).

Ал эми, беймаалым автор тарабынан XV к. экинчи жарымы XVI к. башталыш убагында жазылган «Шажарат ал-Атрак» (Түрк теги) кол жазмасында кыргыздардын теги мындайча баяндалат: «Айрымдар айткан уламыш боюнча, ошол согуш маалында мо(н) – голдордун 40 кызы бир тарапка, 30 уул башка жакка качкан. Ошол качкан кырк кыздан кыргыз (кыргыздар), отуз уулдан – отуз огул жаралган» (Шаджарат ал-атрак).

Бири-бирине байланышы жок өз алдынча жазылган үч тарыхый даректе бирдей маалыматтык багыт кездешет. Ал, енисейлик жана теңиртоолук кыргыздар арасында өз тегин 40 саны менен байланыштырган түшүнүктүн калыптангандыгын көрсөтөт. Убагында мындай көрүнүшкө батыш европалык илимпоздор арасынан адеп кыргыздардын тарыхын изилдеген В. Шотт көңүл бурган. Ал «Юань шиде» айтылган 40 кыз жөнүндө уламыштан улам, кыргыздар абалтадан эле өз ысмын «кырк» жана «кыз» аталыштары менен түшүндүрүүгө аракет кылгандыгын белгилеген. Бирок, ал балким түрк тилине мүнөздүү өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Анткени 40 түркчөдө «кырк» жана кыз «кыз» деген маанини түшүндүрөт деп эсептейт немец синологу (Schott, 1864: 440). В. Шотт бир этнонимди алып жүргөн жана улуттук аталышын 40 кыз менен байланыштырган калктын этностук жалпылыгына көңүл бурган.

Асыресе, мисал катары келтирилген фактылар ени сейлик кыргыздардын бир бөлүгүнүн IX к. экинчи жарымында Теңир-Тоого жер которушунун далили боло алат. Буга чейин Түштүк Сибирь чөлкөмүндө бир этнос болгон кыргыздар Улуу Державалык саясаттын натыйжасында енисейлик жана теңиртоолук топторго бөлүнгөн. Жазма маданият даректери менен археологиялык табылгалар ырастагандай эле, теңиртоолук кыргыздардын азыркы кыргыз элинин өзөгү катары куралышына аль-Марвазинин эмгегинде эскерилген ислам дининин фактору маанилүү роль ойногон. Башка территорияга жер которгон кыргыздар өздөрүнүн тегин жаңы саясий жана аймактык кырдаалга жараша идеологиялык басым менен бекемдөөгө аракет жасаган. Кыргыз этносунун теңиртоолук тобу генеологиялык Ана-л-хакк менен байланыштырган формула ойлоп табышкан.

Кыргыздардын IX кылымдын экинчи жарымынан тарта енисейлик жана теңиртоолук топторго бөлүнүшү, буга чейин бирдиктүү жашаган этностун кийинки тарыхынын бөлөк тарыхый географиялык жана саясий шартта өнүгүүсүнө кириптер кылган. Кыргыз этнониминин бир мезгилде Түштүк Сибирь жана Чыгыш Теңир Тоо чөлкөмдөрүндө учурашы, илим адамдарын көңүлүн буруп кызыгууну арттырган. Ошол эле кезде, мындай «парадокс» айрым окумуштуулар үчүн кыргыздардын өз алдынча Енисейден жер которушуна ишенбей шек саноосуна негиз болуп берген.

Жазма булак маалыматтары жана археологиялык табылгалардын материалдары, ошондой эле уламыштык фактылар көрсөткөндөй, IX кылымдын экинчи жарымында Чыгыш Теңир Тоого жер которгон кыргыздар өзүнчө этникалык тарыхый өнүгүү багытын улаган. Кийинки илимий иликтөөлөр далилдегендей каракытай жана монголдор мезгилинде Түштүк Сибирден көчүп келген кыргыз, ошондой эле жергиликтүү этносторду өз тегерегине топтоп, азыркы кыргыз этносунун куралышына негиз болуп берген.

  1. КЫРГЫЗДАРДЫН КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА САЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШҮ
  2. 1. Кыргыздардын этнотерриториясы жана экономикалык абалы

Кыргыздардын Түштүк Сибирге жер которгондон кийинки территориясы кытайдын «Чжоу шу» жазма булагында Афу жана Кем дарыяларынын аралыгында экендиги белгиленет. Н. А. Аристовдун пикирине ылайык, эки гидронимдик аталыш Абакан жана Енисей дарыяларына дал келет (Аристов, 1896: 6). Кытай жазма булагында кыргыздар орун алган аймактын аралыгы төмөнкүдөй белгиленет: «Ажо жайгашкан жер хойхулардын ордосуна чейин 40 күндүк төө жүрүшүндөй алыстыкта» (Бичурин, 1950: 353) жайгашкан. «Тайпинхуаньюйцзи» булагында «Бул өлкө түштүк тарабында Таньмань тоосун ээлейт. Жайкысын жер нымдуу, кышта кар басат. Дарыясы бар, ал Хуйхудан (Уйгур өлкөсүнөн) агып, андан ары тоо аралайт. Мамлекет батыш тарабында Кара тоого (Циньшань) барып такалат деп айтылат» (Кюнер, 1961: 57).

Таньмань тоосу туурасында тарых илиминде ар кандай көз караштар айтылып келген. Айрым окумуштуулар Таньмань тоосун Саян тоосу деп эсептешет. Алардын көз карашына ылайык, Орхон эстеликтеринде кездешкен Кенгю-Тарман же Кенгю-Тарбан топоними Көгмен аталышына туура келет. Мындай жоромол жасоого, түрк кагандарынын кыргыздарды жеңгенден кийин Кäңü-Тарман (КТ-21) топониминин эскерилиши себеп болгон. В.В. Бартольд Орхон жазууларындагы Кенгю-Тарбан топониминин Көгмен тоосу экендигинен шек санаган. Академиктин пикирине караганда, Көгмен тоосу кыргыздардын түштүк-чыгыш чек арасы, ал эми батыш тарабында орун алган КенгюТарбан аталышы Алтай болушу мүмкүн (Бартольд, 1963: 479).

Арийне, кытай булактарында көрсөтүлгөн кыргыз өлкөсүнүн чек ара аймактары мамлекеттик өнүгүүнүн ар кайсыл этаптарын чагылдырган. Кыргыз мамлекетинин калыптанышы менен кийинки каганаттык мезгилиндеги чек ара алкагы албетте, бири-биринен кескин айырма ланат. Кыргыз каганатынын саясий өнүгүүсүнө жараша мамлекеттик аймак аныкталып, ал өлкөнүн коомдук абалына да таасир тийгизген.

Жазма булак маалыматтарына караганда, Кыргыз каганаты «алты бак будундан (Малов, 1952: 11) куралган. Руникалык эстеликтердин лапидардык мазмунуна ылайык, анда жалпы журттун этникалык же аймактык бөлүнүүсү тууралуу маалыматты ылгап алуу мүмкүн эмес. Кытай авторлору кыргыздардын чачтары сары, көк көздүү, ак жуумал жана узун бойлуу этнос экендигин белгилешкен. Араб жана перс булактары да кыргыздарды ушундай эле мүнөздөшөт. Анткен менен кытай булактарында кыргыздардын этникалык курамында жүргөн өзгөрүүлөр кыйыр маанисинде катталат. «Тайпин хуаньюй цзи» булагында кыргыздар «кара чачтууларды бактысыз» (Кюнер, 1961: 55) деп айта тургандыгы кабарланат. «Юан цза цзу» булагында болсо, «жүзүндө кара түктүүлөрдү ханьдык генерал Ли Лин жана анын аскерлеринин тукуму деп эсептелгендиги» баяндалат (МИКК, 2003: 32). «Тан шу» булагында кыргыздар арасында «кара чачтуулар жаман белги саналып, ал эми кара көздүүлөр Ли Линдин тукумунан деп баркталаары» (Бичурин, 1950: 351) белгиленет. Кытай булактарында көрсөтүлгөн сыпаттоолорго караганда, кыргыз этносунун антропологиялык түспөлүндө сырттан байкалгандай өзгөрүүлөр жүргөн. Мындай көрүнүш Кыргыз каганатынын этникалык курамы саясий өнүгүү этаптарга ылайык өзгөрүп тургандыгын билдирет.

Кыргыздар Чыгыш Түркстан аймагынан Түштүк Сибирге жер которушуп, Минусин өрөөнүндө саясий үстөмдүгүн орнотууга жетишкен. Этникалык гегомондуулук жергиликтүү урууларга тарап, алар кыргыздарга саясий жактан кыштым абалында баш ийишкен (Худяков, 1993: 83). Окумуштуулардын пикирине караганда руникалык жазуудагы кыштымдар менен, «Худуд ал-Алам» булагындагы кесимдер бир этникалык топ болушкан. Белгисиз автор тарабынан жазылган булакта «кесим – башка бир элдин аты, булар да хырхыздардан, тоодо чатырларда турушат, тери мускус, хуту мүйүзүн жана башкаларды өндүрүшөт. Бул – хырхыз урууларынын бири, алардын тили халлуктардыкына жакын, кийими кимактардыкына окшоп кетет» (МИКК, 1973: 42).

В. Ф. Минорский жазма булакта «кесим» түрүндө катталган терминди Kүshtүm (k.shtүm) түрүндө калыбына келтирет. Окумуштуу кыштымдар кыргыздардын батышыраак тарабында орун алгандыгын жана Чынгыз хан аларды кыргыздар менен бирге басып алгандыгын белгилейт (Mүnorsky, 1937: 286).

С. В. Кисилевдун пикири караганда, руникалык эстеликтерде кездешкен кешдим, ал бир калктын энчилүү аталышы эсептелинет жана алар Хемчик дарыясынын боюнда жашаган (Киселев, 1951: 561).

Ал эми Л. Р. Кызласов болсо, аларды азыркы Тувада жашаган Кыштым өлкөсү болгон деп эсептейт (Кызласов, 1969: 158–159).

Н. А. Сердобовдун пикири боюнча Кемчик-кая бажи аскасында эскерилген «кешдим» аталышынан улам, балким чиктер менен аздар кыштымдар болушу да мүмкүн (Сердобов, 1971: 69–70).

Кесимдердин да кыргыздарга кошулаарын, бирок кийими кимактардыкына окшоп кете тургандыгын белгилеген «Худуд ал-Алам» булагындагы маалымат, айрым окумуштууларды жаңылыш жолго жетелегени байкалат (Плоских, Мокрынин, 1992: 59).

Кыргыз каганатынын саясий тарыхынын өнүгүү баскычына жараша мамлекеттин потестардык курамы да политэтникалык жалпылыкты камтыган мүнөз алган. Мамлекеттин кубат алышы менен этникалык территория ортосунда объективдүү карама-каршылык жүрүп тураары шексиз. Өлкөнүн өркүндөшү мамлекеттик чек аранын кеңейишине, ал өз кезинде бийлик ээлигине башка этникалык топтордун тартылышын жаратат. Мамлекеттик бийлик да саясий таасирин арттыруу максатында периферия менен болгон мамилени жөнгө салууга аракет жасайт. Ошондуктан, Кыргыз каганатынын башкаруу бийлиги да чек ара аймакта жашаган калктарды «кыштым» башкача айтканда, жакындатылган абалда кармашкан. Мындан улам чик менен аздар кыштымдар болушу мүмкүн деп эсептеген Н. А. Сердобов жана Ю. С. Худяковдун пики ри тарыхый реалдуулукка жакын экендигин белгилей кетиш керек. Анткени, чик жана аздар кыргыздар менен бирдикте башында түрктөргө, кийин уйгурларга каршы согушкандыгын кытай жана орхон жазуулары эскерип кетишкен. Кытайдын «Тан шу» жазма булагына караганда, кыргыздар согушка кол кураганда, бардык эл түп көтөрүлүп, ага вассалдык калктар да кошулушкан». Кандайдыр бир деңгээлде алардын катарына «лыжачан тукюлер» деп белгиленген – дубо, милигэ, эчжилердин (Бичурин, 1950: 354) кошулаарын айтсак болот. Дубо этникалык тобу кубаттуу теле уруу конфедерациясына кирген. Кытай жазма булактарында Дубо уруусунун ээлиги Түндүк тарабында Кичи деңизге, батыш тарабында Хагастарга (кыргыз – М.К.), түштүк жагында болсо, Хойхуларга (уйгур –М. К.) барып такалат. Үч аймакка бөлүнүп, аларды өздөрүнүн башчылары башкарат. Чөптөн жасалган алачыктарда жашап, малчылыкты да, жер иштетүүнү да билишпейт. Аларда сарандар арбын: анын тамырларын чогултуп, андан буламык жасашат. Балык, куш, айбанаттарды кармашып, аларды тамакка колдонушат». Кытай жазма булагында дубо, милигэ жана эчжилердин «кайыңдан жабылган алачыктарда жашап, алардын жакшы жылкылары арбын» экендиги белгиленет. «Алардын музда жыгач аттарга минип жүрмө адаты бар. Түнкүсүн уурулук жана каракчылык менен алектенишет. Хягастар (кыргыз – М.К.) аларды кармап, жумушка салышат» (Бичурин, 1950: 348), – деп айтылат кытай жазма булагында.

Маалымат нугуна караганда аталган уруулар аң улоо жана теримчилик деңгээлиндеги маданий-чарбалык типте жашаган. Чарбалык өнүгүү менен коомдук талап ортосунда орун алган карама-каршылыктан улам, алар экономикалык жактан келишкен коңшуларынын эсебинен таңсыктык муктаждыкты чечүүгө аракет жасашкан.

Жазма булак маалыматтарына караганда кыргыздардын чыгыш тарабында коомдук өнүгүүсү андан да артта калган дагы бир уруу – курыкандар (Асеев, 1980; Кириллов, Ковичев, 1984; Худяков, 1991) жашашкан. Гардизинин кабарлоосуна ылайык, курыкандар жашаган «жер толугу менен суу каптап, эч нерсе коюуга мүмкүн эмес; саздак жерден өткөнчө жылкынын аркасында жүрүш керек. Бул сазда эч ким менен мамилеси жок, жапайы адамдар жашашат. Алар башка тилде сүйлөгөндү билишпейт, алардын тилин да эч ким түшүнбөйт. Алар (эң) жапайы адамдар. Алардын болгон байлыгы айбанат терилери болгондуктан бардыгын жонунда ташышат. Алардын жаалары жыгачтан, кийимдери – айбанат терилеринен, тамактары – аң эттеринен жасалат. Эгер, алардын бири – кыргыздарга колго түшсө, ал тамак жебейт, жолдошторунун бирин көргөндө ал көздөн кайым болуп качып кетет. Алар өлгөндөрүн тоого алып барышып, жыгачтарга асып коюшат» (Бартольд, 1973: 47–48).

Аталган этникалык топтордун жашаган аймагы туурасында тарых илиминде ар түркүн ойлор айтылып келген. Л. П. Потаповдун пикири боюнча, жазма булактарда дубо аталышы менен эскерилген калк, VI–VIII кк. аралыгында Косогол көлү, башкача айтканда Хубсугол жана Косоголдун батышынан жогорку Енисей агымына чейинки аймакты ээлеген теле уруусунун бир бөлүгү жашаган (Потапов, 1969: 179). С. И. Вайнштейн болсо, тува – тоджиндердин этногенез башаты дуболордон башталаарын белгилейт (Вайнштейн, 1961). Жазма булак маалыматында эскерилген милигэ аталышын чулымдык түрктөрдүн арасында кездешкен мелет же мелестер менен айкалыштырылат. Сибирь калктарынын тарыхын изилдеген илимпоздор, мелеттиктердин жакынкы коңшулары «Кыргыз жергесинин» калкы болгондугун белгилешет. Эки калк ортосунда жүргөн этномаданий алака археологиялык материалдар менен да аныкталган. О. Б. Беликова жүргүзгөн изилдөө жыйынтыгы менен енисейлик кыргыздардын X–XIII кк. таандык эстеликтеринде чулым маданиятына тиешелүү үлгүлөр табылган (Беликова, 1996).

Эчжи этноними туурасында тарых илиминде ар түркүн жоромолдор жасалып келет. Балким, алардын арасынан көңүл коюп талдоого арзыган көз караш С. В. Киселев тарабынан айтылса керек. Окумуштуунун оюна караганда, эчжи этноними Копён чаатасынан табылган идиштеги: «Ачтын алтын… белеги» деген руникалык жазуудагы ач этноними менен айкалышы мүмкүн (Киселев, 1951: 602603). Илимпоздордун иликтөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, айрым этнонимдер жер аталышына жараша катталышы мүмкүн. Мисалы, чиктер Кемчиктин боюнда жашагандыктан энчилүү аталышка гидронимдик белги жалгашкан. Эчжи этноними да качиндиктер жашаган Кач суусунун аталышынан улам пайда болушу толук ыктымал. В.Я. Бутанаевдин изилдөөсүнө караганда, качиндиктер мурда өздөрүн «хааш» же «хаас» деп аташкан (Бутанаев, 1994: 3–4). Синолог С. Е.Яхонтовдун иликтөөсүнө ылайык, кытайдын «Синь Тан шу» Жазма булагында «хааш» этноними «гээчжи» (эчжи – М.К.) формасында катталган (Яхонтов, 1992: 63). Кытай маалыматтарына караганда гээчжи калкы Чыгыш Саян тоолорунда дубо эли менен канаатташ жашаган. Кыргыз каганатынын кубаты артып, саясий таасири Байкалга чейин тараган маалда, эчжилер да мамлекеттин курамына кирип, Чыгыш Саян тоолору аркылуу өлкөнүн түндүк тарабына жер которушса керек.

Кыргыздар менен курыкандар ортосундагы этномаданий алака жазма булак маалыматтарында белгиленип, ал албетте окумуштуулардын иликтөөлөрүнө алынган. Селенга жана Баргузин өрөөнүндө жашаган курыкандар Кыргыз каганатынын этносаясий курамына кошулушкандыгын жазма булак маалыматтарында кабарланат. Кытайдын «Тан шу» булагында кыргыздардын чыгыш чек арасы курыкандарга чейин жеткендиги айтылат (Бичурин, 1950: 354). Ал эми «Худуд ал-Алам» боюнча «Фури – бул элдин аталышы, алар дагы кыргыздар деп саналышат. (Алар) кыргыздардын чыгышында жайгашып, башка кыргыздарга кошулушпайт… жана калган кыргыздар алардын тилин түшүнүшпөйт» (МИКК, 1973: 41). Илимпоздордун иликтөөсүнө ылайык чыгыш авторлору белгилеген фури этноними – хори – гулигань – курыкан формасына өзгөрөөрүн далилдешкен (Шавкунов, 1975; Николаев, 1991; Чимитдоржиев, Лыксакова, 2003). Перс автору жазган маалыматка жараша, фури – курыкандар кыргыз этносаясий биримдигине кошулушкан жана Кыргыз каганатынын этнодемографиялык өсүшүнө таасир тийгизген. Курыкандардын мамлекеттин курамына киргизилгендигин Уйбаттан табылган руникалык эстелик мындайча баяндайт: «Каган курыкан элин алганда Силер Тириг бектин азуулуу каманындай болчусуңар» (Бутанаев, 1973: 151). Кыргыз мамлекетинин Байкал көлүнө чейин саясий таасиринин тарагандыгын Лена боюнан табылган руникалык жазуунун кыргыз эпитафияларына, ал эми курыкандык сүрөттүн Сулек эстелигине окшоштук жактарынан билсек болот. Кытай авторлору «гулигандык (курыкан – М. К.) жылкылардын цзегу (кыргыз – М. К.) жылкыларына окшош экендигин» (Зуев, 1960: 124) белгилешкен. Арийне, бир чарбалык маданий тип жаралышы үчүн саясий жана коомдук негиз болушу керек. Ал эми кыргыздар менен курыкандар ортосундагы маданий жана чарбалык жалпылыктын түзүлүшү бекер жеринен болгон эмес. Жогоруда эскерилген Гардизнин кыргыз мамлекетине барчу жол туурасындагы маалыматка караганда, үч жолдун бир багыты Чыгыш Саян тоолору аркылуу курыкандарга барган.

Кыргыздарга айрыкча жакын, балким этногенез процессине катышы бар калктын бири – бомалар болгон. «Тайпин хуанюй цзи» жазма булагында «Бома кыргыз мамлекетинин түндүк тарабында жайгашкан. Жылкылары ала, ошондуктан мамлекет дагы Бома (ала – М.К.) аталат» (Малявкин, 1989: 105) деп кабарланат. Ал эми кытай жазма булагы Тун День болсо, жогорку маалыматты мындайча толуктайт: «Бома менен кыргыздар өз ара тез-тез согушуп турушат. Алардын сырткы келбети окшош, бирок бири-биринин тилин түшүнүшпөйт». Кытай авторлору Бома кытайча Хэла деп жазылаарын белгилеп кетишет. Кытай таануучу адистердин иликтөөсүнө караганда, «хэла» иероглифи түрк тилиндеги «ala» деген терминге дал келет. Ал эми «Ala» аталышы болсо, кытай иероглифинде – хэла, эло жана элочжи болуп жазылаары синологдор тарабынан аныкталган. Япон окумуштуулары К. Сиратори жана Т. Мориясу «Элочжи» сөзү түрк тилиндеги «alakзү» аталышына дал келээрин белгилешет.

Абу-л Гази да ала атчан калкты кыргыздардын түндүк тарабына жайгаштырат. Тоголок Молдонун санжырасында «Кыргыздар Ээнсай деген жерде жашашып, жылкы малдары чаар жана ала келген. Ала жылкылуу, ак калпактуу кыргыз деп атак алып турган» (Тоголок Молдо, 1991: 6-7), деп айтылат.

Ошондой эле, Кыргыз каганатынын курамына тектеш этностордун кошулгандыгын жазма булак маалыматтары менен кошо археологиялык табылгалар да ырастайт. Кыргыз каганатынын этносаясий тарыхынын этаптык өнүгүү баскычында мамлекеттин түштүк, чыгыш жана түндүк тарабында жашаган этностор кыргыздардын жакынкы эле коңшулары болбостон, алар менен этногенетикалык мамиледе болушкан.

Кытай жазма булактарына караганда, Кыргыз каганатынын территориясы Түрк мамлекетинин аймагы менен салыштырылып, «Хягас (кыргыздар – М. К.) кубаттуу мамлекет, аймагы жагынан тукуюестердин ээлигине тең келет» деп кабарланат. Айтылган маалымат аркылуу Кыргыз каганатынын территориясы жана анын коңшулары кимдер экендигин тактоого мүмкүн. Ошол эле убакта, ушул өңдүү маалыматтардан Кыргыз каганатынын ээлиги геосаясий кырдаалга байланыштуу өзгөрүп тургандыгын байкасак болот. Кытай жазма булактарында келтирилген кабарлар аркылуу Кыргыз каганатынын аймагы кайсыл калктарга жетип, алардын ортосунда кандай багыттагы этномаданий алакалар жүргөндүгү аныкталат. Кыргыз каганатынын калыптанышы, өнүгүү этаптары, өлкөнүн территориялык чеги жана мамлекеттин саясий таасиринин мейкиндиги менен белгиленет. Кыргыз мамлекети күч алган убакта анын тышкы чегарасы маалымат булактарында катталгыдай маани алып, өлкөнүн саясийэкономикалык таасирине жакынкы этникалык топтор дагы тартылышкан.

Кытай маалыматтарында кыргыздардын аскер колу 30 000, Тан шуда 80 000, Кара балгасун эстелигинде 400 000 деп белгиленет. Арийне, мындай тактоо тек гана арифметикалык санды же каганаттагы эволюциялык демографиялык өсүүнү эле көрсөтпөстөн, ал башка этностордун массалык түрдө Кыргыз каганатына кошулуусун айгинелейт.

Кыргыз этногенезине түргөштөрдүн катышкандыгынан кабар ала алабыз. Балким, арабдардын жана кытайлыктардын кысымы менен түргөштөр Жети Суудан Енисей боюндагы кыргыздарга келип кошулушса керек. Кытай жазма булактарында кыргыз Ажосунун энеси түргөш, ал эми аялы карлук болгондугу маалым. Балким, улуу манасчы Балык айткан окуя нугу жөн жерден чыкбашы мүмкүн:

Самарканды талашып,

Арабтар менен салышып,  Белеке хандай ханыбыз  Майып болгон эмеспи.

Отор шаарын бастырып

Арабтарга алдырып,

Күлтегин хан элети,

Арабтардын сарпынан

Кара жанга күч келип,

Казак, кыргыз кошулуп,

Алтай менен Найманга

Качып кеткен эмеспи

Казак, кыргыз кошуну,

Жети Суу менен Сыр бою

Бошоп калган эмеспи,

Ал конушка келишип

Мында турган угуздар

Конуп калган эмеспи (Закиров, 1993: 5).

Кыргыз каганатынын этносаясий тарыхынын кийинки өнүгүү баскычында, алардын түндүк тарабындагы, азыркы Красноярск токой аймагында жашаган жергиликтүү элдер келип кошулушкан (Макаров, 1980: 193-194). Красноярскилик археологдор жүргүзгөн илимий изилдөөлөр жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул аймактагы этностор менен кыргыздардын ортосунда этномаданий мамиле жүргөн.

Кыргыз этногенезиндеги мындай татаал процесс бир канча жүз жылды кучагына алып, чыгыш эстеликтери белгилегендей эле, Каганаттын калкы ар кайсы кылымдарга таандык жарылуу өңүтүндө өсүп турган. Ошондуктан биз, кыргыз Каганатынын калкынын өнүгүү баскычтарын төмөнкүдөй кароону сунуш кылат элек. Биринчи баскыч, VII к. орто ченине чейин калктын саны 150 миң, экинчи баскыч, VIII к. орто ченине чейин калктын саны 500 миң, ал эми Кыргыз каганатынын Улуу Державалык мезгилинде калктын саны болжолдуу түрдө 1 000 000 – 2 000 000 чейин жеткен.

Арийне, кыргыз этногенезине ар кыл этностук топтордун келип кошулуусу, чарбанын да комплекстүү өңүттө өнүгүүсүнө себеп болгон. Минусин өрөөнүндө жашаган кыргыздар эрте орто кылымдар мезгилинде, өз өлкөсүнүн саясий абалын чыңдаш үчүн жана экономиканы өнүктүрүү максатында чарбалык иштерди келиштирген. Азыркы кыргызтаануу илиминде кыргыз чарбачылыгынын негизги багытын аныктоодо илимпоздор бир пикирге келе элек. Аларды жалпылаштырып жыйынтыктасак, кыргыз чарбасынын мүнөзүндө: көчмөн турмуш үстөмдүк кылган (Караев, 1963: 77–81; Худяков, 1982: 206–214); экинчи багыт кыргыздардын чарбачылык маданий турмушу комплекстүү өнүккөн (Киселев, 1951; Савинов, 1984).

Кыргыз чарбасы боюнча маалыматтар кенен форматтагы археологиялык табылгалар, кытай, араб жана фарси, ошондой эле кыргыздардын руникалык жазуулары менен жабдылган.

Кытай жазма даректеринин билдирүүлөрүнө караганда, Кыргыз жергесинин аба ырайы суук келет. Ошондуктан, чоң дарыялар да жарымына чейин тоңуп калган. Кыргыз чарбасында беш дан жок, болгону арпа, буудай, кара таруу, кара куурай даны жана гималай арпасын эгишет, унду кол жаргылчакка тартышат; Үчүнчү айда (апрель-М.К.) дайыма эгин эгишет, сегизинчи (сентябрьМ.К.), тогузунчу (октябрь-М.К.) айда (эгинди) оруп алышат, (андан) ботко кылып кайнатышып андан суусундук жана арак ачытышат (Кюнер, 1961: 58). Алма бактары жана огород өсүмдүктөрү жок (Бичурин, 1950: 351).

Жазма булак даректеринин маалыматтары археологиялык табылгалар менен тастыкталат. Копендик турактан чыккан буюмдардын арасынан кол жаргылчактын сыныгы табылган. С. В. Киселевдун аныктоосуна ылайык, мындай примитивдүү жаргылчак менен 12 сааттын ичинде 50 кг чейин унду тартып алса болот. Ал эми, эң эле өркүндөтүлгөн жаргылчак менен кургак эгинди ошол эле 12 саатта тартканда 10–12 кг  унду чыгараарын эске алсак, анда Енисейдеги өндүрүштүн кол жаргылчагы аркылуу эбегейсиз деңгээлге көтөрүлгөндүгү билинет (Киселев, 1951: 569).

Сибирь тарыхы боюнча абройлуу адистин пикирине биз да кошулуп, эрте орто кылымдар мезгилинде кыргыз чарбасында жер иштетүү өнүккөндүгүн жана жыйналган түшүмдү иштетиш үчүн өндүрүш каражаттарынын өркүндөтүлгөндүгүн белгилей кетмекчибиз. Кыргыздар Абакан жана Июс өзөндөрүнүн боюна ирригациялык системаларды курушуп, жасалма сугат жолу менен Кыргыз каганатынын калкынын муктаждыгын камсыз кылып турушкан. Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы туурасында сөз кылганда Минусин өрөөнүн курчаган көчмөн талаа дүйнөсүн эстен чыгарбоо зарыл. Илимий изилдөөлөрдө Степь аталган географиялык катаал шартта табигый тандап алуу процесси курч атаандаштык кырдаалда өткөндүгү маалым. Айрыкча, тартыш убакта көчмөндөр отурукташкан өлкөлөргө кол салышып, ички керектөө муктаждыгын канааттандырышкан. Кыргыз мамлекетинин бир калыпта өнүгүш нугуна караганда, алардын комплекстүү чарба өнүгүшү экспанциялык саясаттын колдонулуш зарылчылыгын жокко чыгарган. Кыргыз мамлекети Кытай, Когуре, Силлага окшоп өзүн-өзү өндүрүш жана айыл чарба продукциясы менен камсыз кыла алган өлкөлөрдүн катарында турган.

Кыргыз өлкөсүндө өркүндөтүлгөн ирригациялык система курулганын жана ал үчүн салынган арыктар талааны тордой торчологондугун сибиртаануучулар белгилеп кетишкен (Клеменц, 1886; Катанов, 1897). Уйбат талаасындагы арыктар кээде 15–20 км жетип, азыркы элдин эсинде алар «хырхыс аргылары» деп айтылып калган (Бутанаев, 1992: 62). Кыргыздардын түндүгүндө жашаган хусье эли жана чыгыш тарабындагы бомалар «жерди ат менен айдашкан» (Бичурин, 1950: 350) деген маалыматка караганда, мындай жер иштетүү ыкмасы кыргыздарга да мүнөздүү болсо керек.

Жер айдоого чоюндан куюлуп жасалган оор соколор колдонулган Чоюн соколор Кытайдан жасалып, алар соода алакасы аркылуу Кыргыз өлкөсүнө алынып келинген. Санкт Петербургдагы Мамлекеттик музейде сакталып турган сокону изилдеген илимпоздор, эмгек куралдарында «Адам жасаган» деген кытай иероглифи жазылган. Синолог адистердин аныктоосуна ылайык, чоюн соколор Тан династиясына чейин б. з. V к. жасалган (Киселев, 1950: 570). Жерди соко менен иштетүү Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү роль ойногон. Эмгек өндүрүмдүүлүгү артып, ашыкча чыгарылган продукция тышкы соодага чыгарылган. Кыргыз товарлары айыл чарбасы үчүн керектүү товарларга алмаштырылып, алар өндүрүүчү өндүрүштө колдонулган.

Мындан сырткары, кыргыздар өздөрү жасаган соколорду кеңири колдонушкан (Савинов, 1984: 79). Негизи үч бурчтук формасында даярдалган соко, балким кетмен катары да пайдаланса керек. Жер иштетүү интенсивдүү деңгээлге көтөрүлгөндүгүн Минусин өрөөнүнөн табылган ар түркүн эмгек куралдары менен бирге, өнүккөн ирригациялык система далилдей алат.

Канткен күндө да кыргыз чарбасындагы негизги орунду малчылык ээлеген. Кыргыздар мал жандыгынан жылкыларды айрыкча ардактап баалашканы байкалат. «Тан шу булагында» кыргыз жылкылары чымыр жана бийик, катуу урушкандар мыкты деп эсептелинээри белгиленет (Бичурин, 1950: 351). «Тайпин хуан юй цзи» булагынын маалыматына караганда, алардын жылкылары айрыкча чымыр жана олбурлуу келет; урушканга жарактууларын башкы жылкылар деп аталкан (Кюнер, 1961: 59). Саясий байланышты чыңдоо жана куда сөөктүк мамилени куруш үчүн кыргыздар жылкыларды тартууга берген. Кытай авторлору аларды «атагы чыккан», «ажайып жылкылар», «мыкты күлүктөр» «ак аргымактар» деп аташкан. Кытай борборуна жеткирилген жылкылар императордун көңүлүн буруп, Уцун өзү аргымактар туурасында кабар алгандыгын билдирген. Кыргыздар берген аргымактар Кытай империясында ажайып «лун-ю тукумундай» деп даңазаланган (Кюнер, 1961: 56-57; Супруненко, 1963: 70, 71, 75, 77; Худяков, 1984: 21).

Кыргыз өлкөсүндө бир канча түрдөгү жылкылардын багылгандыгын байкасак болот. Кытай авторлору белгилеген, «катуу урушкандар мыкты жылкылар» деп аталган порода согушка минилген карабайыр буудандар экендиги талашсыз. Жортуулга даярдалган аргымактар «капталынан буттарына чейин чопкут менен корголгон» (Кюнер, 1961: 59–60; Худяков, 1980). Алардын көөдөнү чоң, ичи белине тартылган, узун моюн башы кууш, жал менен куйругу келишкен тулпарлар болгон. Мындай группадагы жылкылар асыл тукум түрүнө кирген. Асыл тукум аргымактар аристократиялык катмарга таандык экендиги алардын жасалгасынан жана камкордук менен чопкут кийгизилгенинен билинет. Кыргыз өлкөсүндө асыл тукум жылкылардын айрыкча аздектелип багылгандыгын кытай императоруна белекке эки аргымактын гана берилгендигинен билсек болот (Супруненко, 1963: 70).

Экинчи топтогу жылкылар жоон денелүү, кыска моюндуу жана баштары чоң келип, кыска буттарына карабастан алардын көлөмдүү экендиги байкалат.. Эстеликте алар ала темгил жана бир түстө чагылдырылган (Степи, 1981: 126). Кыргыз жылкыларынын ала темгил түсү кытай булактарында белгиленген. «Танхуйяо» булагында кыргыз жана гу-ли-гань (курыкан), си-ми (басмыл), гэ-ло-лу (карлук) калктарынын жылкылары окшош экендиги кабарланат. Булакта чжан-и-гулардын (байырку) жылкылары курыкандардыкы бир породадан экендиги айтылат. Байырку жылкыларынын соорусунда арбын кара так бар экендиги көрсөтүлүп, ала темгилден алар леопардга түспөлдөшүп кете тургандыгы (Зуев, 1960: 97, 102–103) белгиленет. Экинчи топ катары ажыратылган айрым кыргыз жылкыларынын соорусу, Сулек эстелигинде чымгый кара темгил келип ал жазма булак маалыматтары менен дал келет.

Кыргыз өлкөсүндө экинчи топтогу жылкылар согуш жана чарба тармактарында алмашкыс күч эсептелген. Петроглиф эстеликтерине караганда, мындай породадагы жылкылар жеңил атчан аскер биримдигинде колдонулган. Мындан сырткары, алар айыл чарба ишине тартылып, тамак аш үчүн керектелгендиги байкалат.

Кыргыз чарбасында эт үчүн багылган жылкылар жөнүндө аль-Идриси төмөнкүдөй маалымат берет: «(кыргыздардын) жылкыларынын моюндары кыска келип айрыкча семиз, аларды багышып тамак кылыш үчүн семиртишет» (Караев, 1963: 78). Көчмөн турмушту чагылдырган чыгыш авторлору «эгерде, ал (түрк) жолу болбой же ач калса өзүнүн бир жылкысын соёт, эгерде суусаса, анда бир бээсин саайт» (Мандельштам, 1956: 231) дегендей, кыргыздар чарбасы үчүн жылкынын олуттуу орду болгон. Кытай булактары кыргыздар «эт жана кымыз менен тамактана тургандыгын» белгилешет (Бичурин, 1950: 352).

Жылкы байлыктын жана сый мамиленин эквиваленти катары колдонулган. Кыргыздын атактуу уулуна арналып жазылган Суджи эстелигинде, Бойла Кутлуг-яргандын сан жеткис жылкылары болгону, ал өзүнүн насаатчысына 100 ала жылкы бергени айтылат (Малов, 1952: 84; Кляшторный, 1991: 59).

Асыл тукум аргымактарга тамга басылганы байкалат. Тамга жылкынын кайсыл калкка тиешелүү экендигин эле билдирбестен, жандыктын породасы туурасында так маалымат берген. Кытай авторлору түндүк уруулардын жылкылары туурасында топтогон маалыматта, айрым калктардын аттарынын тамгалары жок экендигине көңүл бурушкан (Зуев, 1960: 97–102).

Окумуштуулар тамга термини түрк-монгол калктар арасында пайда болгондугун белгилешет. Тамга термини семантикалык жактан «тамга», «белги», «мөөр» маанисин чагылдырып, ал этноним сыяктуу эволюциялык механизм менен айырмаланат (Баски, 1997: 138). Тамга башында адам тобу жана анын бир бирикмеге болгон катышын билдирсе, кийин ал менчикти аныктай турган белгиге айланган. Уруулук тамга адатта өздөрүнө эмес, сырткы байланыш үчүн колдонулган (Яценко, 2001: 23). Кыргыздардын асыл тукум жылкыларга тамга баскандыгына караганда, асыл тукум аргымактар айрыкча бааланган. Аргымак күлүктөрдүн дипломатиялык байланыш үчүн колдонулгандыгын жогоруда белгиленгендей, Кытай императоруна тартууга берилген мисал айгинелейт. Кытай өлкөсүнүн жылкылар үчүн атайын реестер даярдашы, аларга болгон кызыгууну билдирет. Мисалы, жылкыга тамга басууну Тан династиясы да колдонгон. Кытайлыктар жылкынын породасы, бою, жумушчу сапаты, мамлекеттик мекемеге же жеке менчик түрүнө жараша тамга басышкан (Зуев, 1960: 96).

Кыргыз жылкылары шарттуу түрдө «түштүк сибирдик» породага кирген. Анын таралыш ареалы Батыш Забайкалдан (байырку) башталып, Түндүк Прибайкал (курыкан), Минусин өрөөнү (кыргыздар) менен Кара Иртыш (карлуктар) боюн кучагына алган (Нестеров, 1990: 23). Кыргыз жылкыларынын аталган аймактагы калктардын мал жандыктары менен тектештик белгиси бекер жерден чыккан эмес. Кытай авторлорунун белгилөөсүнө караганда, чиктердин жылкылары уйгур породасына кирген (Зуев, 1960: 97–98; Нестеров, 1990: 22). Эгер, чиктердин Кыргыз мамлекетинин саясий орбитасына жакындыгын эске алсак, анда биз географиялык мейкиндиктин ролун баалай алабыз. Кыргыз өлкөсүнө алып барчу жолдор туурасындагы чыгыш авторлору белгилеген маалымат, алардын Байкал боюндагы жана Чыгыш Түркстан аймагына ыктай жашаган этностор менен этномаданий интеграцияда болгондугун далилдейт. Кытай жазма даректери менен араб, фарси булактарын салыштыруудан кыргыздардын чарбалык маданий системасында өзгөрүү жүргөндүгү байкалат. Чарбалык жана этномаданий интеграция балким алардын этникалык тарыхына да таасир тийгизген.

Жылкынын айрыкча баалангандыгын курыкандардын 647-жылы кытай императоруна берген белегинен билсек болот. Император өзү он күлүктү тандап алып, аларга «ак бубактай калкыган», «ала кардай жалтыраган», «ала шүүдүрүмдөй мөлтүрөгөн» сыяктуу эпитеттерди ыйгарган (Кюнер, 1961: 291). «Ат адамдын канаты» дегендей, орто кылымдагы киши күлүктүн баркын билип, аздектеп күтө билген. Минген аргымактарга арнап атайын ысым ыйгарылган. Манастын Ак Куласы сыяктуу, түрк аскер башчысы Күл тегиндин Боз Башгусу эпитафия эстелигинде негизги каармандай сүрөттөлөт. Мисалы, Тум Кула деген аргымак туурасында Таластагы ташка жазылган (Nemeth, 1926: 137–138; Малов, 1959: 60–61). Сулек петроглиф эстелигинде кыргыздардын жылкыга бапестеп жасаган мамилеси байкалат. Эстеликте күлүк менен жоокер бир образ катары сүрөттөлгөн. Эпикалык чыгармадагы баатыр менен анын минген аты ортосундагы бири – бирин түшүнүү, кыйышпас достук байланыш орто кылымдагы эпитафиялык эстеликтерден башат алганы байкалат.

Кыргыз коомчулугунда аргымак менен жоокер ортосундагы түшүнүк, Ажонун уйгур каганына жолдогон катында ачык байкалат. «Мен жакында сенин алтын ордоңду алам, алдына өзүмдүн аргымагымды коём, өз туумду саям» (Бичурин, 1950: 355) деген Ажонун билдирүүсүндө бийлик атрибутикасындагы баалуулуктар көрсөтүлөт.

Арийне, орто кылымдагы пасторалдык чарба менен коммуникация тартыштыгы жылкынын транспорт каражаты катары ролун арттырган. Мындан тышкары, кыргыздын күнүмдүк турмушун жылкысыз элестетиш мүмкүн эмес. Кыргыздар калыңды жылкы жана кой менен төлөшкөн. Бай адамдар жүз жана миң баштан беришкендиги белгиленген (Бичурин, 1950: 353).

Баш ийген уруулардын негизги тамак рациону эт, жылкы жана төөдөн башка эч нерсе колдонбогондугу белгиленет (Кюнер, 1961: 59).

Жылкы жалаң эле чарбалык иште же тамак-аш үчүн эмес, ал аң улоо, оюн-зоок сыяктуу көңүл ачуу ийримдерде алмашкыс каражат эсептелген. Алсак, ту-цюэ (түрк – М.К.) жылкылары алыскы жортуул жасай алат, ал эми аңчылыкка келгенде аларга эч ким тең келе албай тургандыгы белгиленет (Зуев, 1960: 98). Мындай жылкылар аң улоо жана согуш жортуулдар үчүн колдонулган.

Жазма булактарда кыргыздар чоң жыйындарда төө жарыш, арстан менен аттарды машыктырган сыяктуу оюндарды өткөрүшкөндүгү кабарланат (Кюнер, 1961: 59). «Тан шу» булагында кыргыздар ат үстүндө чабандестик оюн жасашкандыгы белгиленет (Бичурин, 1950: 353). Мындан улам бул топтогу жылкылардын чабандестик оюн үчүн даярдалгандыгын баамдасак болот.

Кыргыздардын жылкыларды колдонуу ыңгайына жараша бир канча түргө бөлүнгөндүгү байкалат: биринчи топко, асыл тукум аргымактар кирген. Алар өз ичинен күлүктөр жана жортуулга минилчү буудандар болуп экиге бөлүнгөн. Экинчи топ, күндөлүк турмушта колдонулган жана жумушка чегерилген аттар эсептелген. Үчүнчү топту тамак аш үчүн керектелген жылкылар деп эсептесек болот. «Тан шу» булагында алардын төөлөрү жана уйлары бар; бирок уй жана койлор арбын. Бай жер иштетүүчүлөр аларды бир канча миң башын кармайт (Бичурин, 1950: 351–352).

«Тайпин хуан юй цзи» булагында болсо, алардын малы ар түркүн: төөлөр, букалар, койлор, айрыкча букалар көп. Бай үй бүлөөдө эки, үч миң баш багыла тургандыгы кабарланат (Кюнер, 1961: 60).

Белгисиз перс автору жазган «Худуд ал-Алам» чыгармасында «алардын байлыгы хырхыздардын арабалары, койлор, уйлар жана жылкылар» деп белгилеген (МИКК, 1973: 41).

Араб географы аль-Идриси (XҮҮ к.) болсо, «бул өлкөдө (кыргыз) көп сандаган жылкы, бука жана койлорду асырашат» деп кабарлаган (Караев, 1963: 77).

Кыргыз турмушунда койго айрыкча көңүл бурулгандыгы байкалат. Орто кылымдагы кыргыздар мүрзөгө койдун этин, баштарын, далы, куйрук, төш, омуртка, кабыргаларды, шыйрактарын кошо көмүшкөн (Худяков, 1982: 38, 47, 58).

Археологиялык материалдар көрсөткөндөй кыргыз чарбасында кой асыроо маанилүү роль ойногондугун далилдейт. Кичи Копен Чаа Тасындагы остеологиялык материалдарга караганда, майда жандыктардын сөөктөрү бардык табылгалардын 50–60% түзгөн. Ал эми жылкылардын сөөгү болсо 18–26% туура келет (Евтюхова, 1948: 79). Кыргыздардын койду аздектеп баалап асырашкандыгы айрым мүрзөлөрдө алтын же күмүш фольга менен чапталган койлордун айкелдери айгинелейт (Евтюхова, 1948: 24). Айкелдерге караганда кыргыздар мүйүзү алдыга ийрилген, келишкен тумшуктуу койлорду багышкан (Степи, 1981: 136).

Кыргыз каганатынын саясий тарыхына көз салып карасак, IX к. орто ченине чейин тышкы экспансиялык аракет байкалбайт. Эгер, Монголия жана Жунгария аймагында орун алган көчмөн мамлекеттердин саясий тарыхы жалаң согуш аракеттери аркылуу өнүксө, Кыргыз өлкөсүндө андай көрүнүш байкалбашынын себеби эмнеде деген суроо туулат. Борбордук Азиянын басымдуу бөлүгү ариддик зонага кирет. Негизинен Монголиядагы көчмөн мамлекеттер айыл чарба продукцияларына болгон ички керектөөсүн отурукташкан өлкөлөрдүн эсебинен камсыз кылышкан. Кыргыз каганаты отурукташкан цивилизация менен көчмөн мамлекеттердин алкагы аркылуу бөлүнгөн. Жогоруда белгиленгендей, кыргыздардын Тан династиясы менен соода байланыш алакасы, мисалы Уйгур каганаты күч алганда токтоп калган. Мындай шарт кыргыз экономикасын ички ресурстарды активдештирүүгө түрткү берген. Кыргыз башкаруучулары айыл чарба азыктарына болгон муктаждыкты импорт эсебинен толуктай албай тургандыгына көзү жеткен. Ошондуктан өлкөгө Кытай мамлекетинен алдыңкы технологиядагы айыл чарба шаймандары алынып келген.

Кыргыз каганатынын салыштырмалуу бейпил шартта өнүгүшүнүн дагы бир себеби, ал өлкө экономикасынын комплекстүү өнүгүшү эсептелинет. Көчмөн чарбага ыктаган мамлекеттердин агрессиялык саясатынын негизи да дыйканчылык продукциясына болгон муктаждыкка байланышкан. Борбордук Азиянын уникалдуу географиялык өзгөчөлүгүнө жараша көчмөн өлкөлөр отурукташкан цивилизацияга ыктай орун алышкан. Чарбалык маданий өнүгүшкө ылайык алардын бири-бирине болгон муктаждыгы калыптанат. Өлкөлөрдүн өнүгүш динамикасына жараша ал туруктуу жана өзгөрүлмө мүнөз алат. Көчмөн чарбанын отурукташкан цивилизация өрнөктөрүнө болгон муктаждыгы экономикалык мамиленин деңгээлин, андан барып согуштук паритеттин мүнөзүн белгилеген. Ариддик зонанын өзгөрүлмө абалына жараша эки маданият ортосундагы алака аныкталаарын Эстен чыгарбоо зарыл. Эгер, экономикалык оор кырдаал же табият таңуулаган кырсык келген маалда көчмөндөр тарабынан ал паритет бузулган. Мындай көрүнүш байыркы хуннулардан тартып, кийинки түрк жана монгол тилдүү калктардын саясий өнүгүү салтында колдонулуп келген. Анткен менен кыргыз тарыхында ачык тышкы экспанциялык саясат 840-жылга чейин дээрлик учурабайт. Анын негизги себебин, кыргыздардын маданий чарбалык тибинен издөө зарыл. Комплекстүү чарба калктын тамак аш продукциясына болгон муктаждыгын камсыз кыла алган. Бардар турмуш материалдык, финансылык арбын каражат талап кылган жана адам ресурстарын чыгымга учураткан согуш саясатын жокко чыгарган. Тан доорундагы булактарга караганда, кыргыз калкынын саны бир канча жүз миңге жетип, катардагы аскери 80 000 деп белгиленет (Бичурин, 1950: 351). «Тан шу» булагын басмага даярдаган синолог адистер, калкынын саны деген жерге үй бүлөө деп түшүнүш керек деген тактоо киргизишкен (Бичурин, 1950: 351). Этнография илиминдеги демографиялык коэффицентке ылайык, жазма булакта көрсөтүлгөн факт, Кыргыз мамлекетинин калкы VIII – IX кк. жарым миллион адамга чамалагандыгын далилдейт. Карабалгасун жазуусунун маалыматына караганда, кыргыз жоокерлери 400 000 миң жаачан жоокерлерден турган (Васильев, 1897: 25). Карабалгасун эстелигиндеги маалымат IX к. башталышындагы мезгилге туура келет. Эгерде, академик В. В. Бартольд белгилеген «Кыргыз Улуу державасынын» саясий таасири менен кыргыз куралынын мизин, Борбордук Азиянын көп сандаган калктары сынынан өткөзгөндүгүн эске алсак, өлкөдөгү демографиялык жарылыш ушул убакытка туш келсе керек. Мамлекеттин этнотерриториясынын кеңейиши жана туруктуу экономикалык өнүгүү деңгээли демографиялык кырдаалга ыңгайлуу жагдай жараткандыгы байкалат. Жазма булак маалыматтарына караганда, Кыргыз каганатынын калкынын саны бул убакта кескин өскөн. «Тан шу» жана Карабалгасун эстелигиндеги маалыматтарды жалпылаштырып, алардын орточо көрсөткүчүн алсак, Улуу Державалык мезгилде мамлекеттин калкынын саны балким миллион чамалаган. Арийне, демографиялык өсүш Минусин өрөөнүнө оор басым алып келген. Чектелүү табият шарты кылымдар бою калыптанган чарбалык-маданий типтин бузулушуна негиз түзгөн. Калктын саны тынымсыз өскөндүгүнө байланыштуу керектөө менен өндүрүш ортосунда объективдүү карама-каршылык пайда болгон. Кыргыз айыл чарбасынын экстенсивдүү мүнөзү ылдам көбөйгөн демографиялык көрсөткүчкө ыңгайлаша алган эмес. Комплекстүү чарба шартында бир кесиптен экинчиге өтүү анча кыйынчылыкка турбагандыктан, малчылыктын экономикадагы балансы арткан. Анын үстүнө жер иштетүү калктын керектөө муктаждыгын толук канааттандыра алган эмес.

Жазма булак маалыматтарына караганда кыргыздар аң уулоо, аскердик машыгуу жана соода алакасына айрыкча көңүл бурушкан. Кытай авторлору, кыргыз жергесинде жапайы айбанаттардан жапайы жылкылар, «гуду» аталган белгисиз жандык, «юань» деген сары койлор, «ди» койлору, бугулар жана кара куйруктуулар болгондугун белгилешкен (Кюнер, 1961: 59).

«Тан шу» булагында болсо, кыргыз өлкөсүндө тарпандар, эликтер, багыш жана кара куйруктуу эчкилер жашагандыгын кабарлаган. Кытай автору кара куйруктуу эчки кабаргага окшоп кетээрин жана анын көлөмдүү кара куйругу бар экендигин тактаган (Бичурин, 1950: 352).

Кыргыз жергесинде мйе аталган балыктын узундугу жети-сегиз чиге жете тургандыгы, мохень деген балыктын оозу жагынын ылдый жагында орун алып, сөөгү жок экендиги белгиленет (Кюнер, 1961: 59).

«Тан шу» булагында, «узундугу жети фут чамалуу, сыймакай жана сөөгү жок, оозу таноосунун алдында орун алган бир балык бар» деп кабарлайт (Бичурин, 1950: 352).

«Тайпин Хуан юй цзи» булагына караганда, кыргыз жергесинде жапайы каз, турна, карга, сагызган жана карчыга куштар жашаган (Кюнер, 1961: 59)

«Тан шу» булагында болсо, жапайы каз, өрдөк, сагызган жана карчыга куштар деп белгиленет (Бичурин, 1950: 352).

Кыргыз өлкөсү жапайы жандыктар жашай ала тургандай географиялык өзгөчөлүгү менен айырмаланган. Кытай авторлору кыргыз жергесинде арбын сандагы ар түркүн чөптөр өсө тургандыгына көңүл бурушкан. Канаттуу жана жапайы жаныбарлар кызыл карагай, кайың, көк тал жана карагайлар арасынан керектүү азыктарды таба алышкан (Бичурин, 1950: 352; Кюнер, 1961: 59).

Кытай авторлору кыргыз жергесинде айрыкча кайың көптүгүн белгилешип, карагайлардын бийиктигин «жаа тартсаң жебе учуна жетбейт» деп сүрөттөшкан.

Жазма булак маалыматтары көрсөткөндөй, кыргыз жергеси чер токойлуу, булаң чөптүү адыр тоолордон куралып, жаратылыш аңчылык үчүн бардык жагдайды жаратып берген. Кыргыз өлкөсүндө аң улоо экономиканын негизги тармагына айлангандыгын жазма булак маалыматтары менен петроглиф эстеликтеринен баамдасак болот. Кыргыздар аңчылык үчүн бардык каражаттарды колдонушкан. Ал түгүл атайын иттерди багышып, алар аң тери жана мускуска окшогон жандыктарга аңчылык кылаары катталган. Кыргыз өлкөсүндө эбегейсиз чоң иттердин тукуму X–XҮҮ кк. пайда болгон. Окумуштуулардын пикирине ылайык, кыязы алар Тибеттен алынып келсе керек. Ю.С. Худяковдун пикирине ылайык, Минусин өрөөнүндөгү Све-Тах жана Терен-Хол көрүстөндөрүндөгү кыргыз жоокери менен кошо иттерди ритуалдык көмүү салты, согушчан иттер кыргыздар тарабынан согуштук максатта колдонулган (Худяков, 1988: 130).

Кыргыздар иттердин бир канча түрүн багышкан. Петроглиф эстеликтерине караганда мойнуна каргы тагылып күчүк ээрчиткен иттер кездешет. Илимпоздордун пикирине караганда, алар азыркы куйругу тик кайрылган, жүндүү Сибирь иттерине окшошот (Евтюхова, 1948: 86).

Мындай иттер үйдү жана короону коргогон.

Кыргыз чарбасында аңчылыкка колдонулган иттердин багылганы байкалат. Сулек эстелигинде маралдарды кууп бараткан иттердин тобу тартылган. Мындан улам, иттердин мал жана үй кайтарууда, аң улоо сыяктуу чарба тармагындагы алмашкыс ордун белгилей кетүү абзел.

Кыргыз чарбасынын комплекстүү мүнөзү биринчиден, калктын азык-түлүккө муктаждыгын камсыздандырууга багытталса, экинчиден тышкы соода үчүн зарыл заттардын булагы болгон жана ал мамлекеттин экономикасын чыңдоого багытталган. Ашыкча өндүрүлгөн продукция тышкы соода байланышты чыңдоого багытталган. Кыргыз каганатынын тышкы соода байланыш мамилелерине талдоо жүргүзүү аркылуу жана ага өнөктөш мамлекеттердин өнүгүү деңгээлин салыштыруу аркылуу, кыргыз экономикасынын жогорку деңгээлге көтөрүлгөндүгүн баамдасак болот. Анын негизги себеби, мамлекеттер аралык соода байланышынын калыптанышы жана анын андан ары өнүгүп кетиши үчүн алардын ортосундагы өндүрүштүк ыкташуу менен товардык алмашууга кызыгуу пайда болушу керек. Кыргыз каганатынын өнүгүү этаптарына карасак, өлкөнүн соода өнөктөрү катары Биринчи жана Экинчи Түрк каганаттары, Уйгур, Түргөш мамлекеттери, Кытай, Тибет, чжурчжендер, кидандар жана Орто Азиядагы өнүккөн цивилизациялар болушкан. Кыргыз экономикасы биринчи кезекте өнөктөш өлкөлөрдүн талабын канааттандыра алгандай деңгээлге көтөрүлгөн. Экинчиден, товардык алмашуу цивилизациялык өрнөктөрдүн жакындашуусун жараткан. Экономикалык мамиле эки тараптуу талапка ылайык жүргүзүлүп, ал ага катышкан өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээлин эле көрсөтпөстөн, өндүрүштүк атаандашуунун потенциалын арттырган.

Кыргыз экономикасындагы соода байланыштын калыптаныш процесси саясий өнүгүү динамикага түрткү берген. Соода алакасы өлкөнүн коомдук-экономикалык потенциалын арттырып, анын толук кандуу мамлекетке айланышы негиз болуп берген. Кыргыз чарбасынын комплекстүү мүнөзүнө карабастан коңшу өлкөлөрдүн товардык өндүрүш багытына жараша, алар менен соода жүргүзүүгө муктаждыгы болгон. Сооданын өнүгүшү менен мамлекеттин саясий абалы ортосунда табигый байланыш бар. Кыргыз өлкөсүнүн тышкы соода мамилеси, каганаттын саясий өнүгүү этаптары менен дал келет жана ал мамлекет башчыларынын соода алакасын куруш үчүн жагымдуу жагдай түзүп бергендигин далилдейт.

Кыргыз мамлекетинин Кытай өлкөсү менен соода мамилесин орноткон мезгили «Тан династиясынын Чжэнгуань башкаруусунун 17-жылында (643-ж.) кыргыздар кытай ак сарайына кундуз ичиктери менен кундуз терилерин салык катары алып келишти» (Кюнер, 1961: 56) деген маалымат аркылуу белгиленет.

Арийне, конфуцийлик кытайцентризм көз карашта тарбияланышкан саясатчылар, өлкөгө келген соода кербенинин «элчиликке» алмаштырышып, (Бартольд, 1963: 253) соода товарларын «салык» деп баалашкан.

Ал эми жазма булактагы 643-жыл деп белгиленген датаны кыргыз соода байланышынын башаты деп эсептөөгө мүмкүн эмес. Кыргыз мамлекетинин саясий өнүгүү нугуна ыдайык, адегенде жакынкы коңшу этностор менен байланышы курулуп, аймактык чарбалык-маданий тип түзүлүшүнө алып келген. Саян тоосунун түндүгүндө жана түштүк-чыгышында жайгашкан басмыл, чик, аз, курыкан, дубо, милигэ, эчжы этностору менен кыргыздар ортосунда соода мамилеси, айрым этникалык топтор менен болсо салык байланышы орногон. «Танхуйяо» жазма булагында курыкан, карлук жана басмыл элдеринин жылкылары бири-бирине окшош жана бир тукумдан экендиги белгиленет (Зуев, 1960: 97). Бул топко дубо, милигэ жана эчжы уруу бирикмелерин да кошсо болот. Н. А. Сердобовдун пикирине караганда, дубо бул «бир канча тектеш уруулардын бирикмесинин аталышы болушу толук ыктымал» (Сердобов, 1971: 39–42). С. И. Вайнштейн Чыгыш Саян аймагындагы мал чарбачылыгы үчүн ыңгайлуу жер Тоджин аймагы эсептелээрин көрсөткөн (Вайнштейн, 1972. Б. 9).Кытай булактарында кыргыздардын түндүк тарабында бома этносу жайгашкандыгы жана алардын да жылкылары бийик, ала болгондугу айтылат (Кюнер, 1961: 53; Зуев, 1960: 97).

Кыргыздар асыраган жылкылардын бир түрү ала болгон (Степи, 1981: 126) жана ал жакынкы коңшулар ортосунда орун алган маданий чарбалык жакындыктан кабар берет. Чыгыш авторлору кыргыздар бомалар менен ар дайыма согушуп келгендигин кабарлашкан (Бичурин, 1950: 350). Согуш аракеттери кыргыздардын саясий үстөмдүгүнө алып келген жана ал чарбалык жакындыкты пайда кылган. Кыргыз мамлекетинин Түндүк мейкиндикке саясий таасирин орнотушу өлкө жана аймактын калкы үчүн жагымдуу жагдай жараткан. Бирдиктүү соода биримдиги куралып, ага катышкан калктар эки тараптуу пайда көрүшкөн. Ички базардын пайда болушу менен кыргыз товарларынын тышкы рыноктогу атаандаштык мүмкүнчүлүгү арткан. Ошентип, Кыргыз каганаты VII к. орто ченинен тарта өнүккөн мамлекет катары, Борбордук Азиянын алдыңкы өлкөлөрүн соода өнөктөшүнө айланган.

Кыргыз бийлигинин чыгышында курыкандарга чейин, түштүгүндө Тибетке, түштүк-батышында карлуктарга чейин тарашы, албетте мамлекеттин саясий таасирин эле көрсөтпөстөн, анын соода байланышынын кулач жайгандыгын ырастайт.

Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн негизги тармагы саналган курал жарак сооданын өтүмдүү товарына айлангандыгы бекеринен эмес. Кытай авторлору кыргыз курал жарактарына айрыкча көңүл бөлүп, алардын «асмандан жаан менен түшкөн темирден жасалып», «өзгөчө курч экендигин» (Кюнер, 1961: 59) белгилешкен. Кыргыз курал жарактары түрктөргө сатылып турган (Бичурин, 1950: 352). Кытайлыктардын кызыкканына караганда, кыргыз куралдары кытай армиясы үчүн да чыгарылса керек.

Жазма булак маалыматтары кабарлагандай, кыргыздар 643-жылдан 747-жылга чейин Кытай мамлекетине 11 элчилик жиберишкен. Кытай авторлору көңүл бурган кыргыз чарбасы жана анын продукциялары, албетте Кытай мамлекетинин көздөгөн товардык соода кызыкчылыкты көрсөтөт.

Мисалы алсак, Кытайдагы малдын саны 713-жылы 240 миң жылкы, 35 миң уй, 112 миң кой болсо, Түндүк тараптагы көчмөн калктар жүргүзүлгөн 13 жылдык сооданын натыйжасында, ал 726-жылы жылкынын саны 430 миңге, уй болсо 50 миңге, кой 286 миңге чейин көбөйгөн (Зуев, 1960: 95).

Кытай экономикасындагы жетишкендикке сөзсүз түрдө кыргыздар да салым кошкон. Себеби, кыргыздар 722-ж., 723-ж. жана 724-жылы Кытай мамлекетине элчиликке келишкендиги катталган (Супруненко, 1974: 241–242). Кытай базарында жылкы көбүн эсе жибек кездемелерге алмашылган. Кытай мамлекети үчүн ыңгайлуу убакта бир жылкынын баасы 15–20 келки жибекке алмашылса, ҮX к. баш ченинде анын баасы 40–50 келки жибекке чейин көтөрүлгөн.

Кыргыздар Кытайга курулуш жыгачтарын, баалуу кен заттарын жана кыргыз зергерлери жасаган буюмдарды, хуту мүйүзүн жана андан жасалган бычактар менен саптарды сатышкан (Бартольд, 1963: 493).

Кытай жазма булактык салтына ылайык, Тан мамлекетинен сырткары ташылып кеткен товарлар жөнүндө маалымат кездешпейт. Анткен менен Түштүк Сибирь аймагындагы археологиялык табылгалар эки тараптуу соода байланышынан толук кабар бере алат. Кыргыз буюмдары негизинен салттуу кытай экспорту болгон жибек кездемелерге, көтөрмө соколорго, ат жабдыктарына (Киселев, 1947: 94), ювелирдик жана лакталган буюмдарга, күзгүлөргө (Лубо-Лесниченко, 1975: 15–20) жана фарфор идиштерге алмаштырылган (Кызласов, 1969: 120).

Кытай мамлекетинен Кыргыз каганатына ар түркүн күзгүлөр жана кытай тыйындары алынып келген. Алардын арасынан дүйнөдө чанда кездешкен алтын жалатылган цань-юан чжубао тыйынынын кыргыз жергесинде табылышы, илимпоз Е. И. Лубо-Лесниченко туура белгилегендей, Кыргыз каганатынын күч кубаттуулугун далилдейт (Лубо-Лесниченко, 1975а: 162–163). Кытай тыйындары тек гана эки өлкөнүн соода байланышындагы товардык эквивалент каражаты катары эле колдонулбастан, алар кыргыз мамлекетинде акча катары соодада жүгүртүлгөн. Мисалы, кытайдын кайюань тыйынындагы кыргыздын руникалык жазмасы менен «bүr cүkүm akca» – «бир тыйын» (Щербак, 1960: 139–141) деген маалымат бул жобого далил боло алат.

Кыргыз каганаты жакынкы коңшулар менен эле байланыш куруу менен чектелбестен, Ыраакы Чыгыштагы чжурчжэндер жана Ляо мамлекети менен тыкыс мамиледе болгон. Археологиялык табылгалар менен жазма булак маалыматтары кабарлагандай алардын ортосунда эки тараптуу алака курулган (Кюнер, 1951: 12; Лубо-Лесниченко, 1975а: 164).

Кыргыздардын негизги соода багыты түштүк-батыш тарапка же кийинки жер которуп келе турган аймактагы мамлекеттерге багытталгандыгы көңүл бургузбай койбойт. Жазма булак маалыматтарына караганда, «Кыргыз мамлекети Даши (Орто Азия – М.К.), Туфань (Тибет, Чыгыш Түркстан-М.К.) жана Гэлолу (карлуктар-М.К.) менен ар дайым жылуу мамиледе болушкан» (Бичурин, 1950: 355). Кытай авторлору «аялдар жүн кездемелерден, байлар болсо жибек жана кымкаптан кийинишет. Анткени (бул өлкөдө) аньсиден бэйшиден жана дашиден товар алуу жеңил» (Кюнер, 1961: 58) экендигин белгилешкен. Балким, ал кездемелердин арасында Орто Азияда жасалчу айтылуу гүлдү жибек «занденечи» кездемеси болгон (Беленицкий, Бентович, 1961: 70; Крачковская, 191958: 615–627). Товардын дайыма ташылып келиши тууралуу жазма булак мындайча кабарлаган: «Дашиден жыйырмадан кем эмес төөгө жүктөлгөн гүлдүү жибек кездемелер келген. Эгер, бардыгын батыра албай калган күндө, анда жыйырма төрт төөгө бөлүп жүктөлгөн. Мындай кербен үч жылда бир жолу жөнөтүлгөн (Бичурин, 1950: 355).

Айры өркөчтүү бактриялык пародадагы төөнүн 250 кг жүк көтөрөөрүн (Большаков, 1989: 32) эске алсак, анда кыргыз жергесине алты тонна чамалуу буюм алынып келинген.

Жазма булак маалыматтарына кабарлагандай, кыргыздар менен уйгурлардын арасы ар дайым эле жагымдуу эместигине карабастан, алардын ортосундагы соода байланышы үзүлгөн эмес. Жогоруда эскерилген жүн кездемелер Чыгыш Теңир-Тоо аймагында жасалып (Малявкин, 1983: 234), Бэйтин, Аньси аркылуу кыргыздарга жөнөтүлгөн.

Арийне, Кыргыз каганатынын Тибет менен болгон саясий жакындаштыгы эки тараптуу соода байланышынын өнүгүшүнө түрткү берген. Жазма булак маалыматына караганда, тибеттиктер «хойхулардын (уйгур – М.К.) тоноосунан кооптонушуп, гэлуга (карлук-М.К) барышып, кыргыздардын сакчы колун күтүшкөн (Кюнер, 1951: 13). Кыргыздар Тибеттен кооздук буюмдарды, кездемелерди, идиштерди жана кооздолгон курал-жарактарды алышкан (Худяков, 1988: 130). Кыргыздар менен Тибеттин ортосунда орногон достук байланышты ҮX–X кылымдарга таандык Саглындан табылган Тибеттик кайыңга жазылган кол жазмалар айгинелейт (Грач, 1980: 103–121).

Кыргыз Каганатынын Улуу державалык мезгилинде кыргыз этносу саясий полиэтникалык курамга чейин көтөрүлүп, калктын саны өскөн. Өлкө экономикасы демографиялык өзгөрүүгө реакция жасаган жана ал маданий чарбалык типтин багытын көчмөнчүлүккө бурган. Демографиялык өсүш чарба багытын эле эмес, өлкөнүн саясий өнүгүү нугун өзгөрткөн. Калктын санынын көбөйүшү жаңы мейкиндикти талап кылынган.

Кыргыз этносунун державалык мезгилдеги кескин өсүшү жазма булак маалыматтары менен ырасталат. Мындай көрүнүш мамлекеттин полиэтникалык куралышына жол ачкан жана этногенетикалык процесс кыргыздардын гегемон этноско айланышына өбөлгө болгон.

  1. 2. Коомдук мамилелер жана мамлекеттик саясий түзүлүш

Кыргыз каганатынын эрте орто кылымдар мезгилиндеги коомдук-саясий мамилелери жалпы жонунан байыркы түрк тилдүү мамлекеттерине мүнөздүү салттуу белгилерге негизделген. Ошол эле убакта кыргыз коомунун чарбалык бирдиги жана мамлекеттин саясий өнүгүү өңүтүнө жараша анын политогенездик, потестардык курулушунда айрым өзгөчөлүктөр да орун алганы байкалбай койбойт. Балким, ал кыргыз коомунун кылымдар бою өсүп-өнүгүүсүнөн улам эндогендик компоненттерди жаратып, ошол эле убакта ал экзогендик таасирлерди камтыган болсо керек.

Кыргыз жазууларында мамлекеттин социалдык структурасы – «бектер» жана «кара будун» болуп экиге бөлүнөт. Коомдун таптык ажырымдалышы, алардын кийген кийимдеринен эле байкалган. Каганаттагы ак сөөктөр, ажонукундай тигилген ак калпак кийишкен. Алардын кийген кийими кымкап, парча же жүндөн токулган кездемелер. Белиндеги куруна бычак менен мусатты илип алышчу. Ал эми карапайым элдер тери кийим кийишип, жылаң баш жүрүшкөн (Кюнер, 1961: 58).

Кагандык бийликтин коомдук негизи катары бектер саналган. Бектер кыргыз коомчулугунда түпкү теги ак сөөктөр катмарынан чыгышып, алар үчүн уруунун жана мамлекеттин иштерин башкаруусу көнүмүш салтка айланган.

Кытай эстеликтеринде, «Ажо» деген түшүнүккө башкарган уруу менен жогорку мансап бирдей кирээри кабарланат. Руникалык эстеликтердин маалымат өңүтүнө караганда, Кыргыз каганатында дагы бир элиталык башкаруу уруусу – «барс» – деп аталса керек. Мамлекеттик башкаруу салтынын уюшулуш деңгээли көрсөткөндөй, өлкөнүн сөөк уруулары өз уруу өкүлдөрүнүн камын көрүү аркылуу мамлекеттин чыңдалышы үчүн кызмат кылышкан. Кыргыздын Бойла Кутлуг-Ярган деген жогорку бийлик кызматынын өкүлү, өзүнүн он айылы болгонун жана насаатчысына жүз жылкы жана турак жер бергендигин жазат (Малов, 1952: 84). Эстеликтин маалыматы күбөлөндүргөндөй, жогорку даражадагы уруу адамдары өзүнө табышталган тармактагы аскерий-административдик милдетти ак ниеттик менен аткарып, уруулаштарынын жашоо турмушуна дагы кам көрүшү керек болгон.

Кыргыз эстеликтериндеги «ханга ак дилден кызмат кылгыла» деген чакырыктар жана «кара будунду мамлекеттин мыйзамдарын бузбагыла» аттуу үндөөлөр, каганаттагы ички таптык жана катмардык карама-каршылыктарды жокко чыгарган. Каганатта орун алган мындай саясий, жана укуктук түзүлүштө, өз экономикасын баскынчылардан сактап калууга, байлыкты бөлүштүрүүдө жана согуштан тапкан олжону башкаруучу ак сөөктөргө ыйгарылышына жол ачкан. Калыптанган салтка жараша калган байлык ченемдүү өлчөмдө будунга бөлүнгөн. Ошондуктан каганаттагы коомдук жана укуктук биримдик, өлкөнүн татыктуу мүчөлөрүнө ыйгарылган эр аталышынын берилиши аркылуу калыптанган. Мамлекеттеги мыйзамдын катаалдыгын кытай авторлору төмөнкүчө белгилешет: «согуш болоор алдында курулай чуу чыгарган, элчилик милдетти аткарбаган, ханга начар кеңеш берген жана уурулук кылгандардын башы алынган (Бичурин, 1950: 353). «Жоого кол кураганда жана чапкынга аттанганда бардык эл түгөл жана баш ийген уруулар чогуу чыгышкан» (Кюнер, 1960: 58). Каганаттагы ар бир улан жашы жана күчү жеткен маалда «жоокер – эр» деп аталган. Экинчи Алтын-Көл эстелигинин каарманы – «энем он ай көтөрдү. Бала болуп төрөлгөм. Бара-бара мен жоокер-эр болдум» (Малов, 1952: 57) деп баяндайт.

Жашы жетип, өлкөсүн коргоого аттанган жигиттин мамлекетке кошкон салымы, анын эрдик көрсөткөнүнө жараша бааланып, ар бир атуул жана катардагы жоокер же тегин болобу ал «эр» аталышына жете алган.

Кежилиг-Хобу эстелигинин каарманы: «Менин улан атым Шубуш, кийинки (балким эр аты – М.К.) атым Кумул уге» болгондугун кабарлайт. Ал беш жашында атасыз, он тогуз жашында энесиз жетим калган. Кийин эр жетип, отуз жашка чыкканда өге аталган мамлекеттик бийлик кызматына, ал эми кырк жашка келгенде мамлекеттеги эң жогорку кызмат – тутуктукка көтөрүлүп, өз элин башкарган (Малов, 1952: 81–82).

Демек, «эр атына» ээ болгон жигит, Каганаттагы аскердик-административдик иштерге тартылып, ал байлык жана коомдо ээлеген тектик насилине жараша мансаптык кызмат аталышын өзүнүн жеке ысымына кошууга мүмкүнчүлүк алган. Кыргыздар калтырган руникалык эстеликтердин маалыматтары кабарлагандай, өлкө атуулдары Мекендин «эр жоокери» болушуп, кагандын биринчи чакырыгы боюнча шайма-шай аскердик милдетти өтөшүп, аскердин катарына келип кошулушкан.

Эрдин коомдогу орду анын мансабы жана даражасы аркылуу аныкталып, эпитафиялык жазууларда титул эрдин ысымы менен чогуу жазылгандыктан, ал энчилүү аталыш катары каармандын аты менен кошо эскерилген. Кыргыз эстеликтеринде адегенде, баатырдын өз ысмы, анын мансабы жана уруулук тамгасы чегерилип, кээде туугандык байланыш да кошо келтирилет. Кыргыздын Уюк-Тарлак эстелигинин  каарманынын айтымында: «(1) Силер менин элим, менин аялдарым (kyнчуйyм), менин балдарым, менин будунум, менин алтымыш жашымда силерден айрылдым. (2) Менин атым Эль Туган-тутук. Мен өзүмдүн Taңpү alүmka башкаруучу элем. Мен өзүмдүн алты бак, будунка bag artүм» (Малов, 1952: 11).

Жогоруда айтылгандай, эрдин даңазасы артыш үчүн, анын байлыгы менен туугандарынын мамлекетте ээлеген орду жана байлыгы олуттуу роль ойногон. Чакулдагы бешинчи эстеликтин ээси Түз бай Күч Барс күлүг, өзүнүн «атактуу кайнатасынын жардамы менен байыгандыгын» (Малов, 1952: 39) жазган. Ал эми Ачурдагы эстелик ээсинин «тамга басылган малы сансыз, акчасы сан жеткис кара сачын таг болгондугу» баяндалат. Ошондон уламбы, айтор кыргыз коомчулугундагы туруктуу менчик – боз үй, турак-жай жана жүгүрмө менчиктин түрү эсептелген – мал жана акча айрыкча бөлүнүп белгиленет. Кыргыздын Тэле эстеликтериндеги эр «табун жылкыларды, эр атагымды өз мамлекетимден таптым. Мамлекетимде менин akүшүм (шахталарым-М.К.), менин төрт миң жылкым калды» (Малов, 1952: 83) деп өкүнөт.

Кыргыз коомчулугундагы ак сөөктөр өз тегиндегилерди «кадаш», «эш» деп аташып, эстелик орноткон эрлер алардан айрылганда катуу кайгыргандыгын жашырышкан эмес.

«Кадаш» сөзү азыркы түрк тилдүү калктарда модификацияланган түрүндө – «аркадаш – жолдош (түркчө)», «адаш – аты уйкаш, бейтааныш адамга урматтоо менен кайрылуу (кыргызча)» түрүндө колдонулуп келет. Айрым окумуштуулар «кадаш» сөзү «кады – бирге, чогуу», «эш» сөзү болсо жолдош деген маанини туюнтаарлыгын белгилешет (Гребнев, 1958: 244–245).

Балким, орто кылымдагы кадаш термини кийинки кыргыздардын түшүнүгүнө «адаш», башкача айтканда өзүнө теңдүү аты уйкаш маанисинде колдонула башташа керек. «Эш» сөзү кыргыз тилинде «эш тутуп» деген мааниде жакын адамга болгон ишенимди туюнтат.

Кыргыз эпитафияларынан ак сөөктөр колунда бар катмар катары белгиленип, аларга карама-каршы коомдук катмар «чыгайлар» деп аталган. Чыгайлар жалпысынан байлык топтоо мүмкүнчүлүгүнөн жана бийлик жүргүзүү кызматынан четте калган тап катары, алар кара будун деп аталган.

Бектер ар дайым будунга насаат айтып, аларды оң жолго багыттап турган. Кыргыз эпитафияларында «кара будун бекем болгула, мамлекеттин мыйзамдарын бузбагыла» (Малов, 1952: 26) деген чакырыктар, кыргыз коомчулугундагы идеологиялык иш чаралардын бир үлгүсү катары кароого багыт берет. Эпитафиялык эстеликтер жоокердин эрдигин эле даңазалоодон турбастан, анын өмүр баяны жазылып, байлык жана мансапка өз элине адал кызмат өтөө аркылуу жетсе боло тургандыгы белгиленет. Ал үчүн мамлекеттин ички мыйзамдарын жана кылымдар бою калыптанган салт-санааны бузбай, жогоруда айтылган Кежилиг-Хобу эстелигинин баатыры Шубуш-Кумуль угедей атуулдук милдетин ак өтөп, Кыргыз каганатындагы эң жогорку бийлик кызматы эсептелген тутуктукка чейин көтөрүлсө боло тургандыгы насаат катары баяндалат.

Ал эми, Бегре эстелигинин баатырынын мисалында «Өзүмдүн шыктуулугумдан кытай императоруна тарбияланууга (окууга-М.К.) алынып, алптык эрдигимден алтын, күмүш, кымбат кездемелерди, адамдарды (аялды?) таптым» – деген Тер Апа ичрагинин айтуусунан, Каганаттагы ар бир атуулдун келечектеги бакытынын ээси өзү гана саналгандыгы ырасталат.

Колунда жок эрлер бектерге баш ийишип, анын кол алдында кызмат өтөшкөн. Махмуд Кашгари айткандай, мындай «эрлер бектин алдында тизесин бүгүшкөн». Каганатта орун алган бейпил убакта эрлер атактуу бектердин малын багышып, балким жоокердик кызматы үчүн жайыт жана малга ээлик кылууга дагы акылуу болушкан. Мындай эрлерден жергиликтүү бектердин чоролору куралган. Аларды Махмуд Кашгари «кулсыг эр» деп атаган (МК.III, 123).

Кыргыз элиндеги дагы бир укуксуз катмар кул жана күңдөр болушкан. Каганаттагы кул-кутандардан турган коомдук катмар бөлөк этностор менен жүргөн согуш аракеттери аркылуу топтолгон. Жогорудагы Бегре эстелигинин баатыры жазгандай «адамдарды таптым» деген даректи, аларды өзүнө баш ийдирип, кул кылган деп да жоромолдосок болот. «Тан шу» баяндагандай «лыжачан туцуелер – дубо, милигэ, эчжилердин түн ичинде карактап, ууру кылган адамдарын кыргыздар кармап иштетишкен» (Бичурин, 1950: 354). Ал эми Уйбат эстелигинде болсо, эрдин кара ашында «кулдар ас – (тамак – МК.) тартышты» (Малов, 1952: 61) деп баяндалат.

Енисей руникалык эстеликтеринин лапидарлык мазмунунан улам, андан кыргыз коомундагы кулдардын экономикага жана демографиялык кырдаалга кошкон салымын өлчөөгө мүмкүн эмес. Бирок кыргыз экономикасынын өзгөчөлүгүнө караганда кулдардын эмгеги чарба иштерине кеңири колдонулган. Жазма булак маалыматтары кабарлап, аны археологиялык эстеликтер тастыктагандай, кыргыз экономикасы комплекстүү өнүгүп, айрыкча ирригациялык ишке кулдардын эмгеги кеңири тартылган. Кыргыз чарбасынын өндүрүш өңүтүнө караганда, кийин «кыргыз арыктары» деп аталган татаал ирригациялык иштерди жана жазма эстеликтер эскерген чептерди, шаарчаларды куруш үчүн да кулдардын күчү керек болгон.

«Тан шу» жазма булагы баяндагандай, Кыргыз мамлекетинде «аялдарга караганда, эркектер аз» болушкан (Бичурин, 1950: 351). Мындай абал жоокерчилик мезгил үчүн мүнөздүү көрүнүш. Андан да жазма булактар белгилегендей, кыргыз калкы өз эркиндиги жана мамлекетинин эгемендиги үчүн колуна курал кармап каармандык менен күрөшүп келген. Жогоруда айтылгандай эр аталган кыргыз жоокери мамлекеттин эгемендиги жана өлкөнү башкарган хан үчүн жанын аяган эмес. Ошондон улам, кыргыз коомунда аялдарга караганда эркектердин саны аз болгон. Албетте, эр адамдар жоокерчилик өнөр менен кесиптенгендиктен, кыргыздын комплекстүү чарбасына кулдардын эмгеги кеңири тартылышы объективдүү көрүнүш эмеспи. Руникалык жазуу эстеликтери күбөлөндүргөндөй, үй-тиричилик ишине күңдөрдүн эмгеги кеңири колдонулган. Жоокер эрдин жеке жана согушка кийе турган коргоо кийимдерин жасаш үчүн да күңдүн күчү талап кылынган. Францискандык ордендин монахы Джованни Плано Карпини белгилегендей көчмөн калктын «эркектери эч нерсе кылышпайт. Алар аңчылык кылышып, атканга машыгышат. Аялдар бардыгын жасашат: тон, көйнөк, бут кийим, байпак бардыгы териден иштетилет» (Карпини, 1957: 36–37). Күңдөрдүн эмгегин чарбада пайдалануу экономикалык жактан дагы ыңгайлуу экендиги талашсыз.

Енисей руникалык жазууларынын маалыматын талдоо жыйынтыгы көрсөткөндөй, кыргыз коому алты уруу бирикмесинен турган. Руникалык эстеликтерде ал алты будун деп белгиленип, аларды бектик бийлик башкарган. «Тан шу» жазма булагына караганда, Кыргыз каганатынын мамлекеттик түзүлүшү Кытай империясынын Тан бийлигинин башкаруу аппаратындай уюшулган. Айрыкча көңүл бурчу жагдай, түрк тилдүү мамлекеттер эч биринде мындай башкаруу бийлик түзүлүшү болгон эмес. Кыргыз мамлекетинде байкалган өзгөчөлүктү айрым окумуштууларды да түйшөлткөнү байкалат. А.Н. Бернштам кытай жазма булагындагы «Ажонун турагы тегерете коргондолгон; үйү кийиз тартылган чатырлардан туруп, Мидичжи аталат. Майда төбөлдөр кичине чатырларга жашашат. Аскер баардык уруулардан куралат. Баш ийген элдер салыкты сүлөөсүн жана тыйын чычкан териси менен төлөшөт», – деген маалыматты талдап (Бичурин, 1950: 352), кытайлыктар бөлөк элдердин коомдук түзүлүшүн түшүнүш үчүн, сөз жок өздөрүнүн өсүү деңгээлине карата жаза салышкан деген бүтүм чыгарган (Бернштам, 1943: 75). Ошондой эле, А. Н. Бернштам жазма булактагы «төбөлдөр алты катмарга бөлүнүшөт, алар: министрлер, жогорку начальниктер, башкаруучулар, иш алып баруучулар, башчылар жана дагандар. Министрден жетөө, жогорку начальниктерден үчөө, башкаруучулар он. Алардын бардыгы аскерди башкарышат. Иш алып баруучулар он беш, башчылар жана дагандар мансапка ээ эмес» (Бичурин, 1950: 352) деген маалыматка да шектенүү менен мамиле жасайт. Кыргыз руникалык тексттеринде ушундай мазмундагы маалымат келтирилбегендиктен, окумуштуу аларды убактылуу эле мүнөздөгү кабар катары карап, жалпысынан жазма булак дарегин төгүнгө чыгарган аракет жасаган (Бернштам, 1991: 291).

Албетте, кайсыдыр бир маалыматты жетишсиз дарек темасына байланыштуу четке кагуу жеңилге тураары шексиз. Анткен менен ар бир булактык билдирүүнүн маалыматтык жактан маанилүү экендигин эстен чыгарбаш зарыл. Ошондой эле, Кыргыз мамлекетинин башкаруу бийлик түзүлүшүн баяндаган кытай автору да, кабарлаган тарапка, ал да император болгондуктан кандайдыр бир жоопкерчиликти алса керек?

Кыргыздардын коомдук бирикмеси «будун» саясий-аскердик мүнөздөгү граждандык администрация түзүлүшү менен биргеликте элди кураган. Мамлекеттеги коомдук байланыштар аркылуу алар бири-бирин толуктап турган, ошондуктан кыргыз руникалык эстеликтеринде хан «элди кармап, будунду башкарган» деп белгиленет. Ал мамлекеттин ички түзүлүшүндөгү граждандык милдет менен бирге, журт башчысы катары укуктук жактан жөнгө салуучу жогорку калыс жана сакралдык кызматты алып жүргөн. Аны менен бирге, уруу бирикмесинин негизинде куралган саясий биримдикти жетектеп, аскер башчысы катары мекенин коргоо, башка элдерди басып алып, алардан салык алуу сыяктуу мамлекет башчысынын жетекчилик функциясын кошо аркалаган.

Кыргыздардын орто кылымдагы өлкөсүн каган башкаргандыктан, илимпоздор Кыргыз мамлекетин «каганат» термини менен белгилеп келишет. Анткен менен Кыргыз өлкөсүнүн аталышына тактоо киргизгидей каршы тарыхый фактылар арбын. Алсак, кайсыдыр бир мамлекеттин аталышы бийлик башында турган өкүмдардын титулуна байланыштуу айтылып калганы тарыхта арбын кездешчү көрүнүш. Мисалы, «Франк королдугу», «Русь княздыгы» же «царьдыгы» деген аталыштар бийликтин түрүнө, ошондой эле мамлекетти башкарган өкүмдардын титулуна жараша белгиленип калган. Айрыкча, мындай талап орто кылымдагы мамлекеттер үчүн мүнөздүү көрүнүш болгон.

Борбордук Азиядагы түрк, уйгур калктары курган мамлекеттер да бийликтин формасына шайкеш каганат аталган. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн бийлик структурасын талдай келгенде, буга чейин айтылып келген «каганат» термини туура колдонулуп жүрөбү, болбосо өлкө аталышына тактоо киргизилиши керекпи деген суроо жаралбай койбойт. Мындай күмөн саноо биринчи кезекте, Кыргыз мамлекетинин башкаруу түзүлүшүнө жана өкүмдардын бийлик титулуна байланышкан маалымат түрмөгүнөн улам пайда болот. Кыргыз өлкөсүнүн башкаруу бийлик аппараты, аны менен бирге өкүмдардын титулу башка түрк тилдүү калктар курган мамлекет түзүлүшүнөн кескин айырмаланган. «Тан шу» жазма булагына караганда, Кыргыз каганатынын мамлекеттик түзүлүшү Кытай империясынын Тан бийлигинин башкаруу аппаратындай уюшулган. Айрыкча көңүл бурчу жагдай, түрк тилдүү мамлекеттердин эч биринде мындай башкаруу бийлик түзүлүшү болгон эмес. Кыргыз мамлекетинде байкалган өзгөчөлүктү айрым окумуштууларды да түйшөлтпөй койгон эмес.

Кыргыз мамлекетинин саясий курамынын айрыкча бир айырмасы, ал мамлекет башчысынын ар кайсыл тилде, ар башкача аталышы. Кыргыздардын руникалык жазма эстеликтеринде мамлекет башкаруучусу «хан» < > «кан» деп аталат. Кыязы, кыргыздардын саясий терминологиясында «хан» аталышы эң жогорку бийлик башкаруучусун атаган төл сөзү болсо керек. Алар «хан» деген термин менен мисалы, кытай императорун – Tabgač qan- Табгач кан; тибет ценпосун – Tьbьt qan – Түпүт кан (Малов, 1952: 29, 57–58; Кляшторный, 1976: 262–266)- деп аташкан.

Ал эми, түрк башкаруучуларынын урматына орнотулган Орхон текстеринде болсо: Qyrqyz) küč (lүg) qaγan – кыргыздын күчтүү каганы (Малов, 1952: Orkun, 1987: 106) – деп белгиленет. Кытай даректеринде: «Мамлекет жетекчиси Ажо аталгандыктан, Ажо деп чакырылат» (Бичурин, 1950: 352) деп айтылат. Айрым кытай булактарында кыргыз башкаруучусу кээде – ван, кэхань (Малявкин, 1989: 282; Супруненко, 1963: 67–68) – деп да жазылганы маалым. Араб-перс авторлорунун эмгектеринде кыргыз өкүмдары – хирхиз хаканы (МИКК, 1973) деп белгиленет.

Азыркы илимий изилдөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, түрк тилдүү этностордун мамлекет башкаруу системасында колдонулган «каган» аталышы жуань-жуандардын лексикасынан колдонууга алынган. Кийин ал түрк жана монгол тилдүү калктардын жогорку мамлекеттик башкаруу титулуна айланган. Каган титулу туурасында мусулман окумуштуулары кандайча ой жүгүртүшкөнү илим үчүн айрыкча маанилүү маселе. Мисалы, аль-Бируни «хакан» титулу түрк, хазар жана тогузгуздардын «малик титулу(хан) менен бирдей деп чечмелейт» (Аль Бируни, 1957: 183). Ал-Хорезми болсо «хан» аталышы «хакан» термининен пайда болгондугуна көңүл бурган.

Демек, ар бир элдин тилдик өзгөчөлүгүнө жараша кабылдоосунан улам, Кыргыз каганатынын жогорку бийлик ээсинин мансап аталышы ар башкача айтылгандыгы жазма булак маалыматтары аркылуу тастыкталат. Ал эми кыргыздардын жогорку бийлик эгесинин – хан деп аталышы, түрк тилдүү калктар колдонгон каган титулуна тең болгон терминологиялык белгилөө экендигин эстен чыгарбоо зарыл.

Тарых илиминде ажо термини туурасында бир беткей пикир жок. В. В. Бартольддун көз карашына ылайык, кыргыздарды кытай тарыхында ажо титулун алып жүргөн өкүмдар жеке өзү башкарган. Ошондой эле, академик 1700-жылга тиешелүү орус архивдик материалында Ботиажо аталган адамга көңүл бурган. Мындан тышкары, ал 1701-жылкы орус документтеринде «кыргыздардын езер уруусунда Ожо (Оджа) аталган сот болгондугун белгилеген. Академиктин оюна ылайык, Ботиажо ысмынын экинчи бөлүгүн титул катары кароого негиз бар (Бартольд, 1963 : 480).

С.Г. Кляшторный Енисей эпитафияларында «хан» титулу колдонулуп, аталган терминдин эквиваленти жолукпагандыгына байланыштуу, «Ажо» бир кыргыз ханынын ысмы болгон деп эсептейт (Кляшторный, 1959 : 164).

Айрым окумуштуулар «ажо (ажэ) терминин кыргыз өкүмдарынын титулу жана башкаруучу үйдүн кландык ысмы катары көрсөтүшөт (Худяков, 1978: 331).

Кыязы, акыркы аныктоо тарыхый чындыкка жакындай көрүнөт. Белгилүү синолог Е. И. Кычановдун пикирине караганда, кыргыздардын башкаруучу Ажэ үйү эки кылым (VҮҮ–VҮҮҮ) аралыгында калыптанган. Ал эми кытай булактарындагы «ажэ» – бир эле кезде титул жана башкаруучу үйдүн кландык (син) аталышы (Кычанов, 1997: 123).

Адистердин айтымында, бардык түрк тилдүү каганаттар арасынан Кыргыз мамлекетинин башкаруу бийлик аппараты кытай административдик түзүлүшүнө жакын болгон. E. И. Кычановдун иликтөөсүнө караганда, Кыргыз каганатындагы төбөлдөрдүн «лю дэн» аталган «алты катмарга» бөлүнүшү, Тан династиясынын мамлекетти башкаруу системасында колдонулган «лю бу» – «алты министрлик» системасына дал келет (Кычанов, 1991: 65).

Ал алты курам – башкаруу, церемониал, юстиция (жазалоо), финансы, кадрлар, аскерий жана коомдук иштер боюнча – министрдиктер болгон (Бичурин, 1950: 352). Е.И. Кычановдун пикири боюнча башкаруу аппаратынын мындай уюшулушу «айрыкча ийкемдүү, жакшы сыналган система болгон жана ал кандай гана, анын ичинде азыркы мамлекеттин муктаждыгын да канааттандыра алмак» (Кычанов, 1991: 65–66).

Кыргыз өкмөтүн Тандык Кытайдагыдай цзайсян башкарган. Өлкөдөгү цзайсяндардын саны жети болуп, алардын ар бири – мамлекеттеги жергиликтүү аймактарды тейлешкен. Жети цзайсяндардын бири – жетекчи эсептелген. Цзяйсянды азыркы бийлик терминологиясына ылайык, канцлер, визирь, өкмөт башчысы катары эсептелинет (Кычанов, 1997: 147) Калган алты цзяйсяндын ар бири – өзүнчө «дэндерди» тейлешкен (Кычанов, 1991: 65).

Алты цзайсяндын, алты «дэнди» башкаруусу; кыргыз эстелигиндеги «алты бак будунка баг aptүm» – «алты бектик будунга бек болчумун» деген саптарга айрыкча үндөшүп кетет.

Кыргыз каганатындагы жогорку бийлик структурасында орун алган титулдун бири – тутук эсептелген. Мисалы, Уюк Тарлак эстелигиндеги эпитафия баатырынын ысмы Эл Туган, ал эми анын титулу болсо «тутук» деп белгиленет (Малов, 1952: 11). Түрк тилдүү этностор өздөштүрүп алган «тутук» титулу байыркы кытайлыктардын ду ду (tuotuok) термининен пайда болгон. Х. Эчединин пикири боюнча аталган кытай титулун түрктөр 558-жылга чейин өздөрүнүн башкаруу бийлик титулатурасына өздөштүрүп алышкан (Ecsedy, 1965: 85). Ал эми кыргыз жазууларында болсо, ал тутк жана толук түрүндө тутук деп жазылат. Кыргыздар аталган титулду Tuotuok түрүндө түрк тилдүү калктардан да кабыл алышы мүмкүн. Бирок тутук титулунун таралыш ареалына караганда, ал көчмөн талаага кеңири жайылган термин экендигин белгилей кетиш абзел.

Кытай жазма булагында кыргыздардын жогорку бийлик ээлери үчөө экендиги кабарланат (Бичурин, 1950: 352). Е. И. Кычанов болсо аларды тутуктук деп үч чөлкөмдүк административдик бөлүнүш катары белгилейт. Окумуштуунун пикирине караганда, арбын сандагы жети цзяйсяндар менен аз сандагы үч тутуктук негизги борбордук административдик жана жергиликтүү бийлик катары бири-бирин толуктап турушкан (Кычанов, 1997: 124).

Айтылган маалыматтарга караганда Кыргыз каганаты «алты бектик» системадан куралып, ал өз кезинде үч тутуктукка бириккен. Үчилтик система Борбордук Азиядагы көчмөн мамлекеттердин башкаруу салтына ылайыкташкан согуштук-административдик талапты көздөгөн. Көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашаган калктар үчүн үчилтик система тарых сыноосунан өткөн жана башкаруу бийликти ийкемдүү координациялоого жол ачкан бирикме болгон. Кыргыз руникалык жазууларын толдоо жыйынтыгы да негизинен айтылган көз карашты бекемдейт. Төртүнчү Чакул эстелигинин каарманы мамлекеттин «кызыл желек тутугу» экендигин жана «теңири мамлекетине, өзүнүн бектерине көңүлү тойбой кеткендигине өкүнүч» кылат (Малов, 1952: 38–39).

Айтылган маалыматтан биз «алты бектик» жергиликтүү уруучулук принципте куралса, ал эми үч тутуктук система согуштук-административдик оң, сол жана борбордук уюмдашуудан куралганын белгилээр элек.

Кыргыз руникалык жазууларын талдоо аркылуу тутук титулу Кыргыз каганатындагы жогорку бийлик мансабы болгондугун биле алабыз. Кежилиг-хобу эстелигинин каарманы Көмүл Өге, өзүнүн бийлик шатычасына көтөрүлүү жолун мындайча баяндайт: «Отуз жашымда мамлекетиме өге болдум. Кырк жашымда мамлекетимде тутук болуп, элимди башкардым» (Малов, 1952: 81–82).

Кыргыз каганатында жогорку кызмат эгелеринин жалпы калк катмарынан айырмаланып турчу өзгөчөлүктөрү болгон. Тутуктук кызматка татыктуу адам хан тарабынан дайындалган жана ага бийликтин белгиси катары «ай түспөлдүү алтын кемер тагылган».

Жогоруда эскерилген «өге» титулу борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик администрациядагы кеңешчи, акыл айткан кызматкерди туюнтаары толук ыктымал. Байыркы түрк тилдүү калктар Ögä деп акылман, даанышман адамдарды аташкан. Мындан тышкары, Ögä титул катары жогорку кызмат эгесин билдирген. Енисей эпитафияларынын биринде каарман Үnal Ögä ben – мен, Ынал өгэ деп белгилейт (Е, 49). Айрым окумуштуулардын пикирине ылайык, Өг = ҮгьА термини акылман, өкүмдар, кызматкер түшүнүгүн туюнтат (Батманов, Арагачи, Бабушкин, 1962: 99).

Кыргыз мамлекетиндеги жергиликтүү бийликти текшерүү иши борбордон жүргүзүлүп, аны он «чжи ши» – көзөмөлчүлөр аткарышкан (Бичурин, 1950: 353; Кычанов, 1991: 65). Кытай титулатурасына ылайык белгиленген термин, кыргыз руникалык жазууларында кездешкен чүгшү – титулуна дал келет. Бул аталыштын түбү кытайдын цы – ши титулунан келип чыккан (Ecsedy, 1965: 86). Кытай анологунда алар императордун буйругу менен провинциялардын иштерин текшеришкен. Цы-ши – tz’й – shүh (ts’үäk – şү) – čegšү (Малов, 1952: 45; Ecsedy, 1965: 8687) – чүгшү түрүндө кыргыздардын башкаруу системасына кабыл алынган.

Коомдук, саясий жана экономикасы келишкен өлкө үчүн статистикалык кызмат айрыкча маанилүү роль ойнойт. Кыргыз каганатынын ички жана тышкы саясатын жүргүзүш максатында 15 адамдан турган Секретариат «чжанши» иштеген (Бичурин, 1950: 353; Кычанов, 1991: 55). Аталган титул түрк жана монгол тилдүү калктарга chang – shүh (tүang – şү) čäńšү түрүндө кабыл алынган (Ecsedy, 1965: 88). Čäńšү титулу кыргыз руникалык жазууларында «Чаңшы» формасында жазылган (Малов, 1952: 60–61). Айрым тюрколог адистер аталган терминди адамдын ысмы катары да карашат (Orkun, 1987: 552–553. Анткен менен Уйбат эстелигиндеги жазуунун мазмуну далилдеп тургандай «чаңшы» аталышы Кыргыз каганатындагы маанилүү титул экендигин далилдейт. Е. И. Кычановдун иликтөөсүнө караганда дагы, Кыргыз каганатындагы 15 адамдан турган Секретариат «чжаншилер» азыркы түшүнүктөгү катчылардан даражасы жогору турган мамлекеттик кызматкерлерди билдирет (Кычанов, 1991: 65).

Кыргыз каганаттагы салык саясатын таркандар тейлешкен жана алардын саны жазма булак маалыматтарында такталган эмес (Бичурин, 1950: 353). Кыргыз мамлекетинин жалпы калкы борборго салык төлөшкөн. Ошондой эле, бардык эр жеткен жигиттер аскер кошунуна тартылышкан. Балким, эр аталышына жашы жеткен эркектер салык төлөшүп, алардын санына жараша мамлекетке кызмат кылган таркандардын саны да аныкталса керек.

Аскерлерди атактуу «саңундар» жетектешкен. Ж. Гамильтон муну кытай цзяньцзюнь наамын түрк тектүү калктар tsүang – kүun, tsịang – kịuən формасынан Saŋun/ Säŋün кылып өздөштүрүп алгандыгын белгилейт. Анын пикирине ылайык, Saŋun титулу генерал дегенди туюнтат (Hamүlton, 1955: 155).

Кытай мамлекетинин «Tsүang-kүun» титулу түрк жана монгол тилдүү калктар тарабынан кабыл алынып, ал практикада кеңири колдонулган. Мисалы, монголдор аны «jangjүn» «генерал» формасына өзгөртүшкөн (Cleaves, 1968: 23).

Жалпысынан алганда, келтирилген фактылардын жыйынтыгы Кыргыз каганатынын борбордошкон мамлекетке айлангандыгын ырастайт. Мамлекеттик бийлик структурасынын чарбалык маданий типке ылайык калыптанышы, өлкөдөгү потестардык процесстин бир калыпта өнүгүшүнө багыт берген. Бийлик структурасындагы тең салмактуу баланстын сакталышына өлкө башкаруучуларынын билим жана кадрдык саясатты көрөгөчтүк менен жүргүзүшү өз жемишин берген жана ал Кыргыз каганатынын Борбордук Азиядагы өнүккөн мамлекеттер менен алака курушуна жол ачкан.

  1. 3. Кыргыздардын дипломатиялык байланыштары

Кыргыздардын саясий өнүгүү тарыхында дипломатиялык мамиле маанилүү роль ойногон. Өлкө өкүмдарларынын ийкемдүү жүргүзгөн саясаты, кыргыз калкын көчмөн талаадагы орошон окуялардан илгери чыгарып, анын коомдук-экономикалык жактан келишкен мамлекетке айланышына салым кошкону байкалат. Саясий дипломатия өлкөнүн ички дарамети менен тышкы чөйрө ортосундагы гармониянын тең салмактуулугун сактаганда барып байкалган кубулуш. Кыргыз өлкөсүнүн Борбордук Азиядагы айыгышкан саясий жана согуштук атаандаштык шартында этносаясий бирдик катары эле сакталып калбастан, динамикалык өнүгүшүнүн өзү анын себептерин талдоону талап кылат.

Кыргыздардын тышкы саясатка катыша башташын айрым окумуштуулар каганаттык мезгил менен байланыштырышып келишет. Албетте, документалдык маалыматтарга таянсак, кыргыз дипломатиясынын башатын 632-жылкы кытай элчилиги менен чектөөгө негиз бар. Бирок Кыргыз саясий биримдигинин өзү жана ал туурасындагы маалымат топтому саясий дипломатиянын субъектисин аныктоого багыт берет. Кыргыздардын саясий биримдиги жөнүндөгү алгачкы маалыматтардын бири – кытайдын «Вэй люе» жазма булагында камтылат. Кытай авторлору кыргыз аскеринин саны 30 миң чамалагандыгын кабарлашат. Аскер бирдиги кыргыз коомундагы саясий түзүлүштөн кабар берет жана өлкө коомсуздугун коргоо аракети көрүлгөндүгүн айгинелейт. Анын натыйжасында кыргыздар Чыгыш Түркстандагы түрк тилдүү калктар менен чогуу жашашып, прототюрк этногенезине катышууга мажбур болушкан. Кыргыз этносунун кийинки өнүгүү этабы Түштүк Сибирь аймагы менен байланышат. Кыргыздар адегенде, Афу жана Кем дарыяларынын боюнан орун алышып, кийин мамлекет чегарасын батыш, түндүк жана чыгыш багытында кеңейтишкен. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү жана анын саясий-экономикалык территориясынын кеңейтилиши көп кырдуу аракеттин натыйжасы экендиги талашсыз. Арийне, алардын ичиндеги негизги фактордун бири – дипломатиялык мамилеге байланышкан. Кыргыздардын кубаттуу мамлекет курушу үчүн тышкы жагымдуу саясий жагдай жаралышы талап кылынган. Ал үчүн жакынкы коңшулардын колдоосу же болбосо, кыргыздардын кубат алып кетишин каалабаган күчтөрдүн балансын сактоо талабы алдыңкы планга чыккан. Кыргыз мамлекетине жасалган саясий жана согуштук кысым да көчмөн талаадагы атаандаштык кырдаалды жою максатын көздөгөн. Мындай шартта кыргыз жетекчилеринен бир ары аяр да, бир чети көсөм саясат жүргүзүү керек болгон. Кыргыз мамлекетинин саясий тарыхынын эволюциясына караганда, дипломатиялык талаптар сакталгандыгы байкалбай койбойт.

Кыргыз мамлекетинин Түштүк Сибирдеги саясий өнүгүүсүнүн келечеги жакынкы коңшуларга, эң башында Түрк каганатына байланыштуу экендигин кыргыз өкүмдарлары илгиртбей туюшкан. Тонйукук менен Күлтегиндин эстеликтериндеги маалыматка караганда, кыргыздар Түрк каганатынын негиздөөчүсү Бумындын жакшылык, салтанаттарына катышып турушкан. Жазма булак маалыматтарынын баяндоо нугу көрсөткөндөй, Түрк каганатын негиздөөчүсү Бумын 552-ж. кайтыш болгон. Анын кара ашына Кореядан Когурё, табгач, тибеттиктер, аварлар сыяктуу кубаттуу мамлекет өкүлдөрү менен бирге кыргыздардын элчиси келгендиги кабарланат. Бир жыл өтбөй экинчи түрк өкүмдары Кара каган дүйнөдөн өткөндө да кыргыз өкүлү келип кеткен. Кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы мамиленин арасы Мухан кагандын тушунда ачылган. Түштүк коңшулардын Енисей аймагын басып алуу аракети жана каршылык көрсөтүү жагдайы кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын аныкталышына көмөк көрсөткөнү бышык.

Кыргыз дипломатиясы I Чыгыш Түрк каганатынын кулоо мезгилинде оор сыноону башынан кечиргени байкалат. Көчмөн талаадагы каршылашкан тараптардын орду менен кызыкчылыктарынын калейдоскоптук алмашышы Кыргыз мамлекетинен ким менен кызматташып, келечек багытыбызды кайсыл өлкө менен аныктайбыз деген түйүндүү суроону чечүү талап кылынган. Кыргыздар адегенде Сели каган, андан кийин сеяньтолор, ошондой эле Чеби каган жана Дулу кагандар ортосунда орун алган орошон окуялардын түймөгүнө калышкан. Алар бул калаймандан өз эркиндигин эле сактап калбастан, кубаттуу мамлекетке айланууга багыт алганы кийинки геосаясий өнүгүү агымынан ачык байкалат. Кыязы, тышкы күчтөрдүн таасири Кыргыз мамлекетинин дипломатиялык саясатынын калыптанышына түрткү берсе керек. Алардын көчмөн талаанын геосаясий аренасына активдүү катыша башташы Кытай өлкөсүнүн көз жаздымында калган эмес. Болбосо, Ички Азиядагы нечендеген этносаясий бирикмелерден тышкары жатагы түндүк тарапта жашаган Кыргыз мамлекети кантип Тан династиясын кызыктырып калсын деген суроо (?) туулбай койбойт. Буга чейинки кытай авторлорунун эмгектеринде да кыргыздар туурасындагы маалымат топтому тарыхчы адисти канааттандыраарлык деңгээлде эмес экендиги маалым. Кытай булактарындагы кыргыздарга байланыштуу кайсыдыр бир окуя чагылдырылганда бир-эки гана сап арналып, андан аркы баяндоо нугу Тан династиясын кызыктырган мамлекеттерге багытталып кетет. Кытай өлкөсүнүн кыргыздарга болгон кызыгуусу жана маалымат топтомунун кеңейиши 632-жылкы дипломатиялык миссияга байланышат. Тан династиясы «Чжэньгуань доорунун алтынчы жылында 632-ж. Тайцзун яньшивэй Ван И-хунду кыргыздарга элчиликке жиберген». Кытай мамлекетинин кыргыздарга болгон мамилесинин өзгөрүшү Борбордук Азиядагы геосаясий кырдаалга байланышкан. Кытай аскерлеринин чыгыш түрктөрдү толугу менен талкалап, Сели каганды 630-жылы туткунга алышы көчмөн талаанын саясий түсүн өзгөрткөн. Түрк этносаясий биримдигинин жоюлушу сепараттык кыймылды күч алдырган. Майда хандыктар ортосунда бийлик үчүн атаандаштык күч алып, бул жарышка сеяньто уруу конфедерациясы менен уйгурлар тартылышкан. Кытай мамлекети көчмөн талаада кайрадан башка бир олуттуу коркунуч пайда болсун деп, чыгыш түрктөрдү талкалаган эмес да. Тан династиясы үчүн өлкөнүн түндүк тарабындагы саясий күчтөр канчалык майда жана күчсүз болсо, ал империялык кызыкчылыкка жооп берген. Кытай өлкөсү Ички Азиядагы саясий күчтөрдү теңдеш үчүн керек убакта курал колдонуп, болбосо дипломатия жолу менен абалды турукташтырууга жетише алган. Тан стратегдери көчмөн талаадагы жагдай туурасында кабардар эле эмес, саясий күчтөр ортосундагы мамилени жакшы билгендиги 632-жылкы эки дипломатиялык миссиядан ачык байкалат. Кытай булагында, Чжэннь-гуань доорунун 6-жылы (27.Ү. 632–13.II.633) элчилерди кабыл алууну тейлеген палата президентинин орун басары (хунлу шаоцин) Лю Шэньинь, Силиби Долуну (Ашина Мише) каган кылып дайындоо үчүн императордук жардык менен варварларга жиберилгендиги кабарланат.

Жогоруда белгиленген яньшивэй Ван И-хундун кыргыздарга элчиликке жөнөтүлүшү менен Лю Шэньиньдин Ашина Мишеге багытталган элчилиги бири-бирине датасы эле эмес, дипломатиялык миссиясы аркылуу да дал келет. Ашина Мишелер бул маалда Чыгыш Түркстанда орун алышып, алар жаңыдан күч алып бараткан сеяньтолор менен уйгурлардын жакынкы коңшулары болушкан. Ал эми кыргыздар болсо, сеяньтолор менен уйгурлардын түндүк тарабында орун алышкан. Кытай мамлекети эки саясий күчтү өз тарабына тартуу жолу аркылуу сеяньтолор менен уйгурларды туш тарабынан курчоого алууга жетишкен. Кытай стратегдеринин саясий стратегиясына кыргыздар менен Ашина Мишелердин тартылгандыгы туурасында жазма булак маалыматтары дым чыгарбайт. Эгер алардын кытай булактары экендигин эске алсак, анда кийинки кытайлардын сеяньтолорду талкалап, ал эми уйгурлардын саясий дымагын чектөөгө жетишкендигинин көмүскө планында, Тан династиясынын жеңиш үзүрүн эч ким менен бөлүшкүсү келбегендиги ачык байкалат. Анткен менен Кыргыз өлкөсү үчүн 632-жылкы Кытайдын эл чилиги маанилүү роль ойногон. Ушул окуядан кийин кырг ыздар Борбордук Азиянын геосаясий мамилесине активдүү тартылышып, кытай авторлору да алар туурасындагы маалымат топтомун арбытышкан. Кытайдын дипл оматиялык миссиясын жетектеген яньшивэй Ван И-хун дун элчилиги кыргыз өлкөсүнүн туруктуу мамлекет катары калыптанышына жана көчмөн талаадагы олуттуу саясий күчкө айланышына түрткү берген. Кыргыздар эми саясий-дипломатиялык мамиленин объектисинен Борбордук Азиядагы геосаясий кырдаалга таасир тийгизе ала турган саясий күчкө айланышып, тышкы күчтөр үчүн көңүл бурууга арзыган дипломатиялык субъект деңгээлине көтөрүлө алышкан. Борбордук Азиядагы маанилүү эл аралык мамилелер мындан ары кыргыздардын катышуусу менен чечиле баштагандыгы көңүл бургузбай койбойт. Яньшивэй Ван И-хундун дипломатиялык миссиясынан кийин кыргыздар да Кытай мамлекетине элчилик жабдылышы, ал Тан династиясынын борборуна 643-жылы келген. Кытай булактары кыргыз элчилигинин курамы, көздөгөн максаты жана жетишилген келишим туурасында эч бир маалымат берген эмес. Жазма булактарда тек гана Кытай мамлекети көздөгөн саясий кызыкчылык чагылдырылганы көңүл бургузбай койбойт. Мисалы, «Тай-пин хуаньюй цзи» жазма булагында кыргыздар 643-ж. Кытай ордосуна «суусар тондор менен суусар терилерди «салык» катары алып келишкендиги» кабарланат. Айрым адистер «Цзю Тан шу» булагындагы маалыматка таянышып, кыргыздардын Кытай мамлекетине жөнөткөн биринчи элчилиги 644-ж. жасалган деп эсептешет.

Кыргыздардын Тан мамлекетине жасаган алгачкы элчилиги 643-жылга туш келээри тарыхый чындыкка жакын. Анын негизги себеби, көчмөн талаадагы саясий кырдаалга байланышкан. Мурда туруктуу көрүнгөн сеяньто-уйгур коалициясы 642-жылы бузулуп, теле уруулары Кытай өлкөсүнө ыктай башташкан. «Цэфу юаньгуй» энциклопедиялык дарегинде бул кырдаал төмөнкүчө чагылдырган: «Башында цзегулар (кыргыздар – М. К.) Борбордук мамлекет менен такыр байланышы жок эле. Бирок качан, теле жана башкалар баш ийишкендигинен улам, жерге чейин таазим этип, өздөрүнүн вассалдыгын билдиришти». Маалыматтын бир жактуулугуна карабастан, анын кыргызтаануу үчүн баалуу тарабын белгилөө зарыл. Анын эң башкысы, кыргыздар өз алдынча саясий жана этникалык бирдик катары дипломатиялык максаттарын ишке ашырууга киришкен. Экинчиден, акыркы кытай булагынын маалыматына караганда, эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланышты орнотуунун демилгечиси кыргыздар катары көрсөтүлгөн. Эмнегедир, мында яньшивэй Ван И-хундун 632-жылкы кыргыздарга жөнөтүлгөн миссиясы унуткарылып, 643-жылкы кыргыздардын Кытайга келген элчилиги гана эскерилет. Кытай булактарынын айрым маалыматтарды «жашырууга» жасаган аракетине караганда, яньшивэй Ван И-хундун кыргыздарга, ал эми Лю Шэньиньдин Ашина Мишеге жөнөтүлгөн элчиликтери жүктөлгөн миссияны толугу менен аткарышкандыгы байкалат. Кытай стратегдери көздөгөн максат ишке ашырылып, сейяньто-теле бирикмесине дипломатиялык сокку урулган. Бирикме жакынкы коңшулардын колдоосунан четтетилип, алар менен болгон туруктуу саясий жана соода байланышы үзүлсө керек. Бул өз кезинде Кытай мамлекетинин аброюн арттырып, адегенде теле уруулары, андан кийин кыргыздар Тан династиясы менен кызматташууга бел байлашкан.

Кытай булактарында кездешкен «вассал» жана «салык төлөө» туурасындагы билдирүүлөр кытайчылык саясатынын бир көрүнүшү эсептелет. Кытай өлкөсүнүн Цинь жана Хань доорунан тарта калыптанган мамлекеттик саясий салт жана идеологиялык басымга ылайык, ханьдыктар өздөрүн дүйнөнүн борбору катары санай башташкан. Мамлекеттик саясий этикага жараша башка элдерден элчилик же соода кербени келсе, биринчиси – «кулдук уруп баш ийиш үчүн», экинчиси – «салык алып келишти» деп белгиленген.

Кытайтаануучу адистер тарабынан аныкталган илимий изилдөө жыйынтыгына жараша, кыргыздардын Тан мамлекетине жасаган алгачкы элчилигин «баш ийүү», ал эми суусар буюмдарды тартуулашын «салык төлөө» деп эсептөө тарыхый нонсенс. Биринчиден, анын тарыхый объективдүү негизи бар. Кытай мамлекетинин мурда кыргыздар менен эч бир саясий байланышы болгон эмес. Бул жагдай кыргыздардын дароо «вассалдык абалын» жокко чыгарат. Экинчиден, Кытай өлкөсү кыргыздар эмес, алардын түштүгүндө жайгашкан көчмөн талаага гегомондук орното алган эмес. Үчүнчүдөн, колдо болгон тарыхый булактардын маалымат топтом жана илимий изилдөөлөр жыйынтыгы көрсөткөндөй бул мезгилде, андан кийин да кыргыздар эч качан Кытай мамлекетине баш ийбеген.

Ошол эле убакта кыргыз элчилигинин 643-жылы Кытай мамлекетине жасаган миссиясынын тарыхый мааниси бар. Ал Кыргыз мамлекетинин Борбордук Азиядагы геосаясий мамилеге активдүү актор катары катышууга жол ачкан Кыргыздардын Кытай мамлекетине жасаган биринчи элчилиги өлкө башчысынын Тан династиясына түз байланыш курушуна мүмкүнчүлүк берген. Кыязы, биринчи элчилик маалында кыргыз тарабы сылифа Шибоцюй Ачжандын (эльтебер Ышбар Күл – М.К.) Кытай мамлекетине келиши анын жол жобосу туурасында сүйлөшүү жүргүзгөн окшойт. Мындан улам Кытай мамлекети 647-ж. Яньшань наместничествосун уюштурган. Ага башында теленгуттар, тогуз-огуздар кийин кыргыз жана курыкандар киргизилген. Ал эми, кыргыз эльтебери Ышбар Күл Тан династиясынын борборуна Чжэнь-гуань бийлигинин 22-ж. 648-ж. келген. «Тан шу» булагында кыргыз өкүмдары император Тайцзун менен жолугушуу өткөргөндүгү кабарланат. Императордун кыргыз бийлик башчысына болгон ылымсырак мамилесин жазма булак төмөнкүдөй саптар менен белгиленген: «мурдагы убакта өткөн кызматтарына догуруна мактанган үч түукюэликтин (түрктөрдүн – М.К.) баштары Вэй-цяо көпүрөсүндө алынган. Азыр дасторкондогу Сылифа кыязы, чектен чыгып кетти окшойт». Кызып алган Сылифа Ху – бань кармоого каалоосун билдирди». Мында эскерте кетүүчү нерсе Ху-бань термини «вассал болуп моюн сунуу белгиси» дегенди түшүндүргөн.

Башка бир кытай булагында, кыргыз эльтебери төмөнкүдөй кайрылуу жасаган: «Мен бүткүл жүрөгүм империяга берилгендиктен, өкмөттүк кызматты жана чиновниктик тактайчаны (вассалдыктын белгиси) алам го деп ойлойм. Император Тайцзун Шибоцюй Ачжанга сол тараптагы ардактуу гвардиянын генералы (цзютунь вэйцзяцзюнь) титулун ыйгарып, генерал-губернатордук даражадагы «Цзянь-кунь областынын ду-дулук» (Цзянь-кун ду–ду) кызматын ыйгарган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө карата Тан династиясынын расмий документтери, 648-ж. 6-мартында кыргыз жергесинде Яньшань наместничествосуна баш ийген Цзяньгунь дуду башкармачылыгы орногондугун каттаган.

Кытай булактары мамлекеттик идеологияга ылайыктап Кыргыз мамлекетин Тан империясына баш ийген өлкө катары көрсөтүп, аны мамлекеттин бир наместничествосу катары көрсөткөн. Белгилүү кытайтаануучу В. С. Таскиндин илимий изилдөө жыйынтыгына караганда, кайсыдыр бир «уруу башчыларын бейпил учурда кытай ванынын ордосуна келгендиги жөнүндө сөз болсо, кытайлыктар өз баркын көтөрүш үчүн мындай жосунду баш ийгендин белгиси жана Кытайга өз эрки менен көз каранды экендигин билгизгендик деп түшүнүшкөн». Албетте, Тан империясынын кыргыздарга саясий бийлигин таңуулоосу, китаецентристтик идеологиянын айдан ачык формасы. Бул темага кайрылган А. Г. Малявкин жана Г. П. Супруненко сыяктуу синологдор Кыргыз мамлекети эч качан Кытай империясынын бийлигине кирбегендигин белгилешет. Окумуштуулардын айтымында Тан династиясы мындай ыкма менен жокту болгондой кылып көрсөтүүнү каалаган. Ошондой эле, кытай титулдарынын ыйгарылышы да, аларды кандайдыр бир деңгээлде империяга жоопкер кылып же алардын бийлигин чектеген эмес. Кытай жазма булактары боюнча адис А. Г. Малявкиндин сөзү менен айтканда: «Цзяньгунь дуду башкармачылыгынын түзүлүшү, империянын жогорку даражадагы атка минерлердин дүйнөдөгү реалдуулукту эске алышпастан, көз карандысыз өлкөлөр менен элдердин жергесин «райондоштурганы» менен айгинеленет».

Анткен менен эльтебер Ышбар Күлдүн Кытай мамлекетине жасаган дипломатиялык миссиясынын Кыргыз мамлекети үчүн мааниси зор экендигин тануу мүмкүн эмес. Биринчиден, кыргыз тарыхында биринчи жолу мамлекет башчысы дипломатиялык миссияны баштап, чет өлкөгө сапарга чыккан. Мындай көрүнүш кыргыз тарыхында Буга чейин болгон эмес, кийин да кайталанбаган. Экинчиден, «вассал» же ««Цзяньгунь дудулугу» сыяктуу кытайчылык саясатына карабастан, Кыргыз жана Кытай мамлекеттери ортосунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык байланыш орногон. Үчүнчүдөн, кыргыз жаштары үчүн Кытай мамлекетинде билим алууга жол ачылгандыгы байкалат. Төртүнчүдөн, эльтебер Ышбар Күлдүн дипломатиялык миссиясынын натыйжасында Кыргыз мамлекети Борбордук Азиядагы негизги саясий күчкө айланган. Кыргыз өлкөсүнүн каганаттык саясий күчкө айланышы да эльтебер Ышбар Күл даярдаган дипломатиялык миссиянын үзүрү экендигин айрыкча белгилей кетиш абзел. Кытай мамлекети мындан ары керектүү убакта кыргыздарга кайрылып, алар менен болгон туугандык мамилеге айрыкча басым жасоону салттуу саясий мамилеге айландырышкан.

Кытай мамлекетин карай жасалган кийинки кыргыз элчилиги 653-жылга туш келет. Кытай булактарында кыргыздардын дипломатиялык миссиясы төмөнкүдөй мазмунда кабарланат: «Кыргыздар кандайдыр бир себептер менен Кытайда калган мекендештерин бошотуп алуу үчүн белек менен келишкен» десе, экинчи булакта кыргыздар Тан бийлигине мындайча кайрылуу жасашкан: «Кытайдын өзүндө биздин көп адамдарыбыз бар. Акыркы каалоом, аларды мекенине жөнөтүп, Шоулинди тез арада жиберүүңөрдү суранам».

Кытай императору Гаоцзун элчиликке жооп ирээтинде Фань Цянды кыргыздарга жөнөткөн. Кытай элчилиги кыргыздарга кымкап жана башка мол белек алып келген. «Цзю Тан шу» булагында кыргыздардын Кытай мамлекетине жооп ирээтинде жасаган элчилиги 676-жылга туш келип, алардын белекке жылкыларды алып келишкендиги кабарланат.

Кыргыз өлкөсүнүн Кытай мамлекети менен болгон мамилесине 707-жылга чейин тыныгуу берилгени байкалат. Анын себеби, балким Ички Азиядагы геосаясий кырдаалга байланышы мүмкүн. Убагында кытай мамлекети тарабынан талкаланып, басымдуу бөлүгү Ортоңку мамлекеттин түндүк провинцияларына көчүрүлгөн чыгыш түрктөрү 679жылы көтөрүлүш чыгарышкан. Бир канча ийгиликсиз аракеттен кийин Кутлуг баштаган түрк аскерлери 681-жылы Иньшань тоолорунда башпааналашкан. Козголоң чыгарган түрктөр Кытай мамлекети үчүн чоң коркунуч жаратып, эки тараптуу кагылыш дээрлик VII  к. соңуна чейин токтогон эмес. Кытай армиясы 687-жылы Ильтереш кагандын колун талкалаган, бирок андан кийин да эки тарап ортосундагы согуш аракеттери дагы алты жылга уланган.

Кытай мамлекетинин түндүк багыттагы абалды турукташтырышы каршылашкан тараптар ортосундагы абалды өзгөрткөн. Ошентип Ильтериш каган баштаган түрктөр Өтүкен аймагына жер которушкан. Түрк аскерлеринин Кангай аймагын ээлеши мындагы геосаясий кырдаалга таасир тийгизген. Чыгыш түрктөрү башында тогуз огуздарга кол салышып, жакынкы аралыкта каршы чыга турган душмандардын мизин кайтарган. Андан кийин Тонйукук баштаган түрк аскерлери 689–690-жж. түргөштөргө каршы жортуул жасашкан. Жортуул ийгиликсиз аяктаганы менен түрктөр көчмөн талаага болгон үстөмдүк орнотуу саясатын белгилешкен.

Кыргыздардын Кытай мамлекети менен болгон алакасынын ондогон жылдарга үзүлүшүнүн себеби да, Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын түптөлүш маселеси менен байланышканы ачык байкалат. Ильтериш каган баштаган боштондук күрөш, кийин Ички Азиядагы үстөмдүк орнотуу саясаты менен уланган. Анткен менен Борбордук

Азиядагы кырдаал чыгыш түрктөрүнөн кынтыксыз дип ломатиялык аярдыкты талап кылган. Жаңыдан мамлекет түптөп, эски территорияга болгон үстөмдүгүн кайрадан аныкташ үчүн алар жакынкы коңшулардын айыгышкан каршылыгына туштугушкан. Ашина түрктөрү менен кыргыздардын ортосундагы мамиленин бузулушу, Тонйукуктун 689–690-жж. түргөштөргө жасаган жортуулунан улам пайда болсо керек. Анын негизги себеби, бул мезгилде кыргыздар «кубаттуу мамлекет болуп, жеринин көлөмү тукюелердикине (түрктөргө – М. К.) тең келет» деп кабарланат кытай булагында. Алардын территориясынын чыгышы – Гулиганга (курыкан – М. К.), түштүгү – Тибетке чейин, түштүк-батышы Гелолуга (карлуктарга – М.К.) чейин таркаган. Чыгыш түрктөрү үчүн жогорку өнүгүү деңгээлине көтөрүлгөн Кыргыз каганаты менен каршылашуу күн тартибине кирген эмес. Бирок, жаңыдан түптөлө баштаган мамлекет үчүн саясий мейкиндик талап кылынган. Алардын Кыргыз мамлекетинин саясий кызыкчылыгы тараган Чыгыш Түркстан аймагындагы түргөштөргө кол салышы, эки тараптуу мамилеге доо кетирген окшойт. Балким, Барсбек каганга Ильтереш кагандын кызын күйөөгө берип, кудалашуу саясаты да кыргыздар менен мамилени оңдош үчүн жасалса керек. Кыязы, VҮҮ к. акыркы он жылдыгында барып, кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы саясий, дипломатиялык мамиле орногон жана ал кудалашуу актысы менен аяктаган. Чыгыш Түрк каганатынын андан кийинки активдүү басып алуу саясаты кыргыздардын кызыкчылыгына доо кетиргендиктен, Барсбек каган да чечкиндүү аракет көрүүгө өткөн. Кыргыздардын саясий, дипломатиялык багыты чыгыш тарабында Байкал көлүнүн аймагына, батыш багытында Чыгыш Түркстанга чейин тараган жана ал факт кытай булактарында катталган. Түрктөрдүн башында түргөштөргө, кийин Байкал көлүнүн түштүк тарабында жашаган байыркуларга кол салышы, кыргыздардын тынчсыздануусун жаратбай койгон эмес. Ошондуктан кыргыздар адегенде, эски союздаштары түргөштөр менен мамилени чыңдашып, тышкы коркунучка каршы биргелешип аракет көрүү туурасында макулдашса керек.

Кыргыздардын андан кийинки саясий союздаш табуу аракети Тибет мамлекетине багытталган. Кыязы, кыргыз – тибет байланышынын башаты 692-жылга чейин эле калыптанса керек. Себеби, кытайлыктардын 692-ж. Чыгыш Түркстанда Тибетти жеңишинен улам, акыркынын чөлкөмдөгү бийлиги дээрлик жокко чыгарылган. Барсбек кагандын элчиси Эрен Улугдун кийин Тибетке жөнөтүлгөн миссиясы да эски байланышты калыбына келтирүү максатын көздөгөн.

Кыргыз мамлекетинин улам жакындап келе жаткан коркунучка каршы алдын-ала аракет көрүшүнүн натыйжасында кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы согуш 710–711-жж. жылдырылган. Барсбек кагандын түрк өкүмдарынын карындашына үйлөнүп, династиялык мамиле курушу согуш алааматын токтото албаса да анын убактысын узартканга көмөк кошкон. Ашина түрктөрүнүн түргөштөргө кысым көрсөтүүсүнүн токтотулушу да Барсбек кагандын дипломатиялык саясатынын ийгилиги катары баалоо зарыл.

Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын күч алышы көчмөн талаадагы саясий конъюктураны өзгөрткөн. Коңшулар менен жүргөн тынымсыз согуш аракети, чыгыш түрктөрдүн аскердик даярдыгын арттыруу менен бирге, алыскы территорияларга болгон көз артуусун күчөткөн. Кыргыздардын Экинчи Чыгыш түрк каганатына ачык каршы чыгышы менен алардын Кыргыз мамлекетинин саясий таасирине кирген чик жана аздарды моюн сундуруу аракети ортосунда түздөн-түз байланыш бар. Чик менен аздар Көгмен тоосунун түштүк тарабындагы Кем дарыясынын жогорку агымында жашап, кыргыздар менен канатташ келген этностор эсептелинишет. Кыргызтаануу темасына кайрылган адистер чик менен аздарды Кыргыз мамлекетинин курамындагы этностор деп эсептешет жана мындай жоромол жасоого тарыхый, этнографиялык негиздер арбын. Кыргыз каганатынын табигый чегарасы Саян тоолору менен чектелген. Алардын түштүк тарабында жашаган чик менен аздар Танну Ола тоо кыркасына чейинки аймакта орун алышып, тышкы душмандын соккусун биринчи тарткан буфердик кызмат аткарышкан. Ошондуктан чик менен аздардын коопсуздугу Кыргыз мамлекетинин негиз ги саясий жоопкерчилигине кирген. Түрк мамлекетинин улам күч алып, Кыргыз өлкөсүнүн геосаясий чегарасына жакындаган сайын, эки мамлекет ортосундагы мамилеге доо кетириле берген. Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын баскынчыл саясатын түндүк жана батыш багытына бурушуна Кытай мамлекети менен болгон жоолашуу келечегинен үмүт үзүлгөнүнө байланышкан. Түрктөрдүн тынымсыз жортуулунан тажаган Тан империясы да ашина, аларга каршы согуштук эле эмес, дипломатиялык да аракет көрө баштаган. Мисалы, вассалдык мамлекеттер палатасынын президенти Цзан Сы-янь империянын иштери менен 707-ж. Түндүк Монголияга келген. Көп өтпөй эле огуз урууларынын бири байыркулар көтөрүлүш чыгарышкан. Кыргыз мамлекетинин Кытай өлкөсүнө жөнөткөн элчиси да ушул жылы Тан династиясынын борборуна келген. Эки окуя ортосунда байланыш байкалбаганы менен анын негизги себеби, Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын саясий жана согуштук дымагына чекит коюу эсептелинет. Барсбек кагандын Тан династиясына элчи жиберген дипломатиялык демилгеси, мамлекеттин келечеги үчүн кам көргөн саясий лидердин кырдаалды жетик байкаган көсөмдүгүнө байланышкан көрүнүш. Барсбек кагандын «кайындары» менен толук кол үзүүгө бел байлашынын дагы бир себеби, жакынкы союздаштары эсептелген түргөштөр менен чик жана аздардын кызыкчылыгын коргоо эсептелген. Орхон эстеликтеринде Кыргыз, Кытай жана Түргөш мамлекеттеринин башчылары «биз түрк каганына каршы жортуулга барабыз» деп бир бүтүмгө келгендиги кабарланат. Анткен менен түрктөргө каршы уюшулган «Үчтүктөр коалициясынын» демилгечиси Барсбек каган болгон. Мындай бүтүм чыгарууга бир канча тарыхый фактылар кыйыр да болсо негиз берет. Биринчиси – жазма булактарда түргөш каганы «Менин элим ал жакта болот» деп убада бергендиги кабарланат. Түргөш каганынын кимге убада бериши мүмкүн деген суроо туулат. Жазма булак кабарына караганда, түрктөргө каршы жасала турган жортуулга түргөштүрдү бирөөлөр көндүргөндөй түр бар. Энесай руникалык эстеликтелигинин каарманы Эзгененин Түргөш мамлекетине элчиликке баргандыгы кабарланат. Кыязы, Эзгене Барсбек кагандын элчиси катары, түргөштөрдү Экинчи Чыгыш Түрк каганатына каршы жортуулга катышууга макулдатыш үчүн дипломатиялык миссияны аткарса керек. Экинчиден, маселе Тан династиясынын көчмөн талаадагы геосаясий кырдаалга жасаган мамилесине байланышат. Жогоруда сөз кылган вассалдык мамлекеттер палатасынын президенти Цзан Сы-яньдын империянын иштери менен 707-ж. Түндүк Монголияга келиши менен кыргыз элчисинин Тан империясынын борборуна барышы ортосунда түз байланыш бар. Эки тарап ортосундагы сүйлөшүү темасы, Экинчи Чыгыш Түрк каганатына каршы курула турган коалицияга арналса керек. Орхон эстелигиндеги маалыматка караганда, Кыргыз, Кытай жана түргөштөрдөн турган үчтүктөр коалициясы 709-жылы уюшулган. Барсбек кагандын элчиси бул жылы Тан династиясынын борборуна келген. Эки тараптуу сүйлөшүү жыйынтыгына ылайык, ал реалдуу максат көздөгөн багыт алган. Алар Экинчи Түрк каганатына каршы жасала турган жортуулдун мезгилин жана анын курамын аныкташкан. Бирок Кытай өлкөсүнүн туруксуз аракети Барсбек кагандан чечкиндүү кадам жасалышын талап кылган. Анын негизги себеби, Кытай мамлекети Экинчи Түрк каганатына каршы коалицияны уюштуруу менен бирге, балким аны иш жүзүнө ашырууга аракет жасоону каалаган да эмес окшойт. Анткени, Тан империясы «варварлардын колу менен варварларды жок кылуу» саясатын ийкемдүү ишке ашырган мамлекеттердин бири эсептелет. Барсбек каган империялык саясаттын көмүскө тарабын баамдагандан уламбы же коалициянын кеңейтүү максатын көздөгөндөнбү, айтор Эрен Улуг баштаган элчиликти Тибетке аттандырган. Кытай булагында бул окуя мындайча чагылдырылган: «император Жуйцзун 711-ж. август-сентябрь айларында «Ханьга кирүүнү каалабаган» кыргыз элчилиги Тибетте жүргөндүгү жана кыргыздардын бул жоругу түндүк коңшуларга тарагандыгы Жуй-цзундун тынчын алган».

Коалициялык максаттын ишке ашпай калышынын үчүнчү бир себеби, Кытайдагы так талашка байланышы мүмкүн. Тан династиясы VIII к. башталышында оор сая сий кризисти башынан кечирген. Мамлекеттик бийлик үчүн күрөш күчөп, натыйжасында Ли Лунцзи көтөрүлүш чыгарган. Императрица Вэйди 710-жылы тактан кулатылып, ордуна Жуй-цзун кайрадан бийликке келген. Кыргыз элчилиги балким Кытай мамлекетинде орун алган кооптуу окуядан кабардар болушу мүмкүн. Ошондой эле, Капаган кагандын Тан династиясы менен кудалашуу үчүн жөнөткөн элчилигин кыргыздар билгендиктен, Эрен Улуг Чанъанга кирүүнү каалабай Тибетке кетсе керек. Окуя боюнча дагы бир жоромол жасоого болот. Ал, Кытай мамлекетине жөнөтүлгөн кыргыз элчилиги (балким 710-жылы) Түрк каганатынын өлкөсүнө кол салгандыгын угуп, анын себебин Кытай мамлекетинен көрүп, Чанъанга кирүүнү каалабашы мүмкүн.

Кыргыз мамлекети Экинчи Түрк каганатынан жеңилип, кеменгер башкаруучу Барсбек кагандан айрылганы менен кыска аралыкта саясий дипломатиялык потенциалын калыбына келтире алган. Кытай булагынын кабарлоосуна караганда, император Сюань-цзундун (712–756) башкаруу мезгилинде кыргыздар Кытай империясына беш элчилик жасоого үлгүрүшкөн. Кытай мамлекетинин борборуна жасалган 722-жылкы элчиликти жетектеген тегин Исибо Шэючжэ Биши Сыгинге жана 723-жылкы элчилик башында турган тегин Цзюйли Пиньхэчжун Сыгинге аскер чиндери ыйгарылган. Ал эми 724, 747 жана 748-жж. кыргыздар Кытай өлкөсүнө алмашыш үчүн жылкыларды айдап келишкен.

Жазма булактарда Кыргыз каганатынын өкүмдары туурасында маалымат камтылбаганына карабастан, кыргыздар. Экинчи Түрк каганатынын 710–711-жж. чапкын запкысынан кыска аралыкта кутулушуп, 722-жылы Кытай мамлекети менен жогорку деңгээлдеги саясий жана дипломатиялык мамилесин калыбына келтире алышкан. Биринчи эки элчиликти кыргыз каганынын жакын туугандары жетектегенине караганда, Кыргыз мамлекети менен Тан династиясы ортосундагы мамиле кайрадан жандандырылган. Ошондой эле кыргыздар үчүн кытай базарына кирүүгө уруксат берилген.

Мында айрыкча белгилей кетчү маселе, кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы мамиле эсептелинет. Алардын ортосунда мезгил-мезгили менен согуш аракеттери жүрүп турганы менен Түрк мамлекеттери кыргыздардын тышкы байланышына кыянатчылык кылып же жолтоо жасаган эмес. Түрк мамлекеттери (I жана II) кыргыздардын чыгыштагы, ошондой эле батыштагы өлкөлөр менен саясий, соода жана экономикалык байланышына бөгөт койгону байкалбайт. Качан барып көчмөн талаадагы үстөмдүк Уйгур каганатына өткөндөн тарта кыргыздардын Кытай мамлекети менен болгон байланышына тоскоол жасалган. Муну кытай стратегдери да баамдашып, кыргыздар 758-жылдан кийин Ортоңку мамлекетке келе албай калышкандыгын белгилешет. Анткен менен уйгурлар Кыргыз мамлекетин толук изоляциялоого чама-чарпы келген эмес.

Уйгур каганаты кыргыздарга кол салаар алдында, адегенде түндүк тарапта жашаган калктар туурасында жетиштүү маалымат топтогонго аракет жасаган. Уйгур чалгынчылары жыйнаган кабарга карап, Элетмиш Бильге каган түндүк өлкөлөр менен кандай негизде мамиле куруу маселесин аныктаган. Элетмиш Бильге каган жал үчүн согуштук басып алуу саясатын тандап алганы байкалат. Адегенде уйгурлар жакынкы союздаштары байыркуларга 749-жылы кол салып, аларды Чыгыш Түркстандагы карлуктарга качып кетүүгө мажбур кылышкан. Бир жыл өтбөй алар чиктерге кол салышып «экинчи айдын он төртүнчү күнү алар менен Кем дарыясында салгылашат». Ушул эле жылы чиктер аларга баш ийишкен. Уйгурлар азыркы Тува аймагын ээлеген соң, өлкөнүн саясий таасири Батыш Саян тоосунун түштүк кыркасына чейинки мейкиндикке тараган. Элетмиш Бильге каган ушул эле жылдын күз айында татарларды жоопко тартуу максатында чыгышты карай жортуулга аттанган. Кем боюндагы уйгурлардын саясий бийлигинин туруксуздугу, алардын чыгыш чапкыны менен аныкталат. Элетмиш Бильге каган татарларга аттанаар замат чиктер 752-жылы уйгурларга каршы көтөрүлүш чыгарышат. Чиктердин козголушун кыргыз, түргөш, үч карлук жана башталышында басмылдар колдошот. Моюнчур эстелигинин маалыматына караганда, уйгурларга каршы куралган коалицияга кээ бир тогуз огуз уруу башчылары да кошулган. Эстелик саптарында «Токуз огуз… алардын бектери келишип (алардын уруу башчылары?) душман болушкандыгын айтышты» деп кабарланат. Кыязы, ушул убакта уйгурларга каршы коалиция курулса керек. Моюнчур эстелигинде орун алган маалыматка караганда, уйгурларга каршы коалицияга кошулуу сунуш менен кыргыздарга атайын чабармандар жиберилген. Коалициянын негизги максаты уйгурларга каршы күрөшүү болгон. Минусин өрөөнүнө жөнөтүлгөн миссияга Кыргыз өлкөсүнөн чиктерди да уйгурларга каршы козголоң чыгарганга көндүрүш маселеси жүктөлгөн. Уйгур каганынын урматына орнотулган эстеликте, коалиция өкүлдөрүнүн белгилеген планы мындайча сүрөттөлөт: «Карагыла, өз алдынчалыкка жетишесиңер! Биз силер менен токойдо биригебиз». Уйгурлар союздаштардын максатын билген соң, Моюнчур каган алдын ала аларга бирден кол салууну туура тапкан. Уйгурлар бир канча багытта союздаштарга сокку урушкан. Моюнчур каган «тогузунчу күнү жортуулга аттанып, Тутук Башыны миң жоокер менен чиктерге жана союздаштарга каршы аскер отряддарын жөнөткөн». Моюнчур жоокерлерине «көңүл бургула, кыргыз ханы Көгмен тоосунун этегинде өз үйүндө жашайт» деп эскерткен.

Кыргыз өкүмдары союздаштарына кайгуул отряддарын жөнөткөн. Бирок алар жолдо уйгур аскерлеринин кол салуусуна кабылып, кыргыз чалгынчылары туткунга түшүрүлгөн. Туткунга түшкөндөрдүн айтымына ылайык, кыргыз каганына жана анын союздаштарынан турган тийиштүү адамдар чогулушкан. Бирок союздаштардын жыйынына карлуктар келген эмес. Кыргыз каганы өз адамдарын карлуктарга жөнөткөн. Кыргыз каганынын чабармандары карлуктарга бара жаткандыгын билген Моюнчур дароо жортуулга аттанган. Моюнчур каган баштаган уйгур армиясы чиктерди жеңгенден кийин, Енисей дарыясынын башкы агымында орун алган. Алар Кем дарыясын кечип, андан ары Иртыш дарыясынан сал менен өтүшкөн. Элетмиш Бильге каган үч карлуктар менен Болчу өзөнүнүн боюнда 752-жылдын 11-айдын он сегизинде согушуп, жеңишке жетишет.

Уйгур каганы кайра мекенине кайтып келип, түндүк багытындагы чегара маселесин бекемдөөгө киришкен. Енисейдин башкы агымында орун алган чиктерди башкаруу үчүн тутукту дайындап, ышбар жана тархандарды бекиткен. Чик уруусунун уйгурларга баш ийиши Кыргыз өлкөсүнүн саясий таасирин жана этногеографиялык мейкиндигин чектеген. Карлук жана басмылдардын жеңилиши, ошондой эле антиуйгурдук коалициядагы биримдиктин жоктугу кыргыздардын абалын андан да оордоткон. Эгер, Кыргыз каганаты буга чейин Кытай мамлекети менен тыкыс саясий мамиледе болуп, эки тараптуу соода байланышы кызуу жүрүп келсе, Уйгур мамлекетинин саясий – согуштук таасири көчмөн талаага орногондон тарта, ал алака толугу менен токтогон. Кыргыз өлкөсү үчүн уйгур фактору Түрк каганатына караганда кыйла жагымсыз жагдай жараткандыгын белгилөө зарыл. Кыргыз мамлекетинин дипломатиялык миссиялары Түрк каганатынын убагында Кытай өлкөсүнө тынымсыз каттап турган. Айрым учурда, айрыкча кыргыздар менен түрктөрдүн ортосунда кырдаал курчуп, жоолашуу жогорку чекке жеткенде гана кыргыз элчилери үчүн түрк өлкөсү аркылуу өткөн транзит жол токтотулган. Ошондуктан Кыргыз каганатынын уйгурлар тушундагы Кытайга жиберген акыркы элчилиги 755-жыл менен катталат.

Кытай булактарынын кабарлоосуна караганда, кыргыздар Даши (Ортоңку Чыгыштагы мусулман өлкөлөрү – М. К.), Туфань (Тибет – М. К.) жана гэлолулар (карлуктар– М. К.) менен ар дайым достук байланышта болушкан. Тибеттиктер Кыргыз өлкөсү менен алака курууда уйгурлардын талоонунан коркушкандыктан, коштоочулукка карлуктарды алышкан. Дашиден болсо жыйырма төөгө жүктөлгөн саймалуу жибек маталар Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлүп турган. Кээде кездеме көп болгон убакта маталар жыйырма төрт төөгө жүктөлгөн. Мындай убакта кербен үч жылда бир жолу кыргыздарга жол тарткан.

Жазма булак маалыматтарынан байкалгандай, уйгурлар Кыргыз мамлекетине колдон келген жамандык жасоого аракет жасашкан. Уйгур каганаты кыргыздар үчүн Кытай багытына кеткен байланышты үзүшкөн.

Бирок Кыргыз өлкөсү түндүк-батыш багытындагы Байкал көлүнүн айланасындагы курыкан, байырку сыяктуу калктар менен болгон байланышын токтотушкан эмес. Уйгурлардын кыргыздар үчүн түштүк-чыгышты карай кеткен жолун жабышы, алардын батыш жана түштүкбатыш багыттагы саясий-дипломатиялык жана соода-экономикалык алакасынын бекемделишине көмөк кошкону байкалат. Кыргыздар Иртыштын жогорку агымы аркылуу Арал көлүнө чейин уланган соода жолун пайдаланышкан. Кыргыз өлкөсүнөн түштүккө кеткен жол тогузгуздарга алып барган. Кыргыз каганаты менен уйгурлардын арасы ачылып, мамилеси бузулгандан кийин, кыргыздар сыягы батыш багытына басым жасашса керек. Ал эми, Тибет мамлекети менен байланыш үчүн кыргыздар түштүкбатыш багытты колдонушса керек. Ал үчүн Иртыштын жогорку агымынан Жунгария чөлүн түндүк тарабынан кыйгай кеткен жол аркылуу Чыгыш Түркстан аймагындагы соода байланыш түйүнүнө чыгышкан.

Уйгурлар менен саясий жана согуштук атаандашуу Кыргыз каганатынын ар тараптуу такшалышына көмөк кошкон фактор катары кароого негиз бар. Уйгур каганатынын кыргыздардын Кытай өлкөсү менен мамилесин чектеши, алардын түштүк-батыш багытындагы байланышын бекемдөөгө көмөк кошкон. Кыргыз өкүмдарлары саясий жана соода-экономикалык мамилени династия аралык кудалашуу деңгээлине жеткире алышкан. Түштүк-батыш багытындагы алаканын ар тараптуу жана жогорку деңгээлге көтөрүлүшүн кыргыз дипломатиясынын жеңиши эсептелген. Уйгур каганаты Кыргыз мамлекетин канчалык чектөөгө аракет жасаганы менен кыргыздар түштүк коңшусунун саясий таасирин чектөөгө жетишишкен. Уйгурлардын батыш тарабында орун алган өлкөлөр менен болгон карама-каршылыгын ийкемдүү пайдаланган кыргыз өкүмдарлары өлкөнү жаңы саясий өнүгүү этабына көтөрүшкөн. Кытай булактарында ал «уйгурлар алсырай баштаганда эле, Ажо өзүн хан, теги түргөш жесир-энесин ханыша, карлук элинин кызы болгон өз аялын ханайым деп жарыялаган». Кыргыз каганынын мындай саясий актысы көчмөн талаа үчүн эбегейсиз таасир тийгизээрин элестетиш кыйынга турбайт. Кыргыздар менен мамилелеш этностордун экөө бирдей уйгурларга касташкан жоо экендигин эске алсак, мындан биз Көгмен ээлигинин саясий жана дипломатиялык ийгилигине күбө боло алабыз. Натыйжасында, Уйгур каганатына нааразы болгон күчтөрдүн Кыргыз мамлекетине ыктагандыгы байкалат. Ал түгүл, Уйгур өлкөсүндө ынтымак-ырк бузулуп, таасирдүү эдиз уруусу кыргыздарга ыктай баштаган.

Кыргыз каганатынын 840-жылы Уйгур мамлекетин жеңип, хан ордосу Орду Балыкты басып алыш жагдайы, кыргыз бийлигинин узак жылдар бою жүргүзгөн дипломатиялык саясатынын үзүрү катары баалоо зарыл. Кыргыз каганатынын уйгурларды жеңиши менен бирге, алардын көчмөн талаадагы бийлигин легитимдештирүү маселеси пайда болгон. Кыргыз Ажосу кырдаалды жетик баамдап уйгур каганынын аялы, кытай ханайымы Тай-хэни Түлүш Алптын коштоосу менен Кытайга жөнөткөн. Бирок элчиликти Уцзе тегин баштаган уйгурлар жолдон тосуп жок кылышкан. Уйгурлар кытай ханайымы Тай-хэни алып Гобиге качышкан. Ушул окуядан баштап кыргыз-кытай мамилесинде ханайым Тай-хэнин тагдыры негизги дипломатиялык темага айланат. Түлүш Алптын жетектеген элчилик туурасында кыргыздардын кабары жок экендиги кийинки дипломатиялык миссиядан байкалат. Кытайдын Тяньдэ чебине 842-жылдын ноябрь айында келген Тапу Алп Сол, Түлүш Алп жетектеген элчилик менен Тай-хэ ханышадан кабар жоктугуна кыргыз каганы кабатырлангандыгын билдирген. Элчилик, кытай императоруна кыргыз ханы жазган катты тапшырган. Тапу Алп Солдун билдирүүсүнө караганда, кыргыздар Түлүш Алптын элчилиги менен Тайхэ ханышанын тагдырынан кабарсыз болушкандыктан, аларды издеш үчүн атайын аскер отрядын жиберишкен.

Кыргыз дипломатиясынын жогорку өнүгүү үлгүсү Улуу державалык мезгилге туш келет. Кыргыз каганатынын Тан династиясы менен жүргүзгөн саясий жана дипломатиялык мамилеси, Кыргыз өлкөсүнүн өз кызыкчылыгын коргоого жетишкен мамлекет экендигин, ал эми кыргыз Ажосу ийкемдүү жана татаал дипломатиялык алаканын тамырын тарта ала турган дасыккан саясатчы экендигин көрсөтө алган. Кыргыз каганы эки тараптуу мамилени өнүктүрүү багытында Тан династиясынын талуу жерине басым жасаганы байкалат. Ажонун кытай императоруна жазган катында негизги тема, эки тараптуу кызыкчылыкка дал келген ханайым Тай-хэнин тагдырына арналып, кыргыз тарап ага айрыкча кабатырланганы баса белгиленген. Кытай императору да Ажого жазган катында, кыргыз өкүмдарынын жароокер саясатына ыраазычылыгын аябай, ханайым Тай-хэнин тагдырына байланышкан теманы кыргыздар менен Кытайдын башкаруучу династиясы ортосундагы туугандык мамилеге чейин өнүктүргөн. Дипломатия «мамлекеттер арасындагы ачык жарыялык жана укуктук мүнөздөгү иштерди жакшы жасоонун искусствосу» дегендей, кыргыз өкүмдары Уйгур каганатын талкалоо актысын, ийгиликтүү саясийдипломатия алакасы менен жыйынтыктаган.

Р. Ж. ЖОЛДОШОВ

ЕНИСЕЙЛИК ЖАНА АЛА-ТООЛУК КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНИКАЛЫК

БАЙЛАНЫШТАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ГИПОТЕЗАЛАР

Кыргыз элинин тарыхын изилдөөдөгү ири проблема, бул этностун калыптаныш тарыхындагы маселелер болуп эсептелинет. Проблеманын чечилишин – тарыхый булактарда «кыргыз» деген бир этноним менен аталган эки этностун, бири Түштүк Сибирде (Енисей), экинчиси Ала-Тоо (Тянь-Шань) аймактарында эскерилиши татаалдаштырып жиберет. Ушундан улам, биринчиден енисейлик жана теңир-тоолук кыргыздардын бири-бири менен болгон этногенетикалык байланышы барбы, экинчиден, эгерде андай байланыш болсо качан жана кандай шарттарда бул эки этнос экиге ажыраган деген маселелер жаралат. Маселени изилдөөдө тарыхый маалыматтардын тартыштыгы же болбосо таптакыр жоктугу окумуштуулардын арасындагы талаш-тартыштарды жаратып, көптөгөн пикирлердин пайда болушуна алып келген. Ошондуктан проблема бүгүнкү күнгө чейин толугу менен чечилип бүтө элек.

Аталган проблеманы изилдешкен окумуштуулардын көз караштарына токтолуудан мурун, проблема кыргыз тарыхы илиминде кантип пайдa болгондугун эске түшүрөлү. Белгилүү болгондой, кыргыз элинин тарыхы жазма булактарда б.з.ч. III кылымдын аягынан тартып, б.a. хуннулардын доорунан тартып эскерилет. Бирок тарыхый маалыматтарды иликтөө жана аларды илимий айлампага киргизүү XVIII кылымдын ортосунан бери гана колго алына баштайт. XVIII кылымдын алгачкы чейрегиндеги Пeтp Үнин реформаларынан кийин, Россияда илим-билим өнүгүү жолуна түшкөн. Петрдин мезгилинен баштап эле, Россия мамлекетине чет өлкөлүк окумуштуулар чакырыла башталган. Алардын бири Г.Ф. Миллер, XVIII кылымдын ортосунда Түштүк Сибирь аймагына жасаган археологиялык экспедициясынын натыйжасында, Енисей өрөөнүндө кыргыз деп аталган элдин жашагандыгы жана аларды XVIII кылымдын башында жунгарлар түштүк тарапка б.а. Ала-Тоого көчүрүп кеткендиги туралуу алгачкы пикирди жазган [13]. Ушундан тарта кыргыз эли тууралуу илимий ой-пикирлер тарыхый чыгармаларда айтыла баштаган. Г.Ф. Миллердин экспедициясынан кийин Түштүк Сибирь аймагында болушкан XVIII кылымдын изилдөөчүлөрү И.Е. Фишер, И.Г. Георги ж.б. дагы кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды жазышып, негизинен Г.Ф .Миллердин көз карашына окшош пикирлерди айтышат [21]. Ошол мезгилде, кыргыздар жөнүндө П.И. Рычков, В.Н.Татищев жана А.Г. Андреев эмгектеринде кыска маалыматтарды калтырышкан [17:18]. XIX кылымдын биринчи жарымында А. И. Левшин, Ю.M. Клапрот, К. Риттер, Ю. Шотт ж.б. бир катар окумуштуулар кыргыздар жөнүндө эскеришет. Бирок алардын эмгектеринин бардыгында эле так эместиктерге жол берилген. Өзгөчө, «кыргыз» деген этноним менен орустардын XX кылымдын башына чейин казак элин атап келгендиги да көп тоскоолдуктарды жараткан. XVIII кылымдын ортосунан тартып, XIX кылымдын ортосуна чейнки алгачкы изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү, кыргыздар XVIII кылымдын башына чейин Енисей боюнда жашап, аларды 1703-жылы жунгарлар Тянь-Шань (Ала-Тоо) аймагына зордоп көчүрүп кеткен деген түшүнүктө болушкан. Алардын түшүнүктөрү калпыс пикир экендигин биринчи жолу Ч.Ч.Валиханов далилдеген.

Ал 1856-1859-жылдардын аралыгында кыргыз жергесине келүү менен, жергиликтүү элден этнографиялык бай материалдарды чогулта алган. Ошондой эле алар жөнүндөгү тарыхый чыгармалар менен таанышып, анын негизинде кыргыздар Ала-Тоо аймагында XVIII кылымдын башынан эмес, бери болгондо XVI кылымдан бери жашап келгендигин тарыхый фактылар менен тастыктаган [8-58: 65]. Ч.Валиханов енисей жана ала-тоо кыргыздарынын этностук чордону бир деп карап, алардын экиге бөлүнүп калышын сибирдеги кыргыздардын саясый күч алган мезгили IХ кылымда же болбосо моңголдордун жортуулу учуру – ХIII кылымда болушу мүмкүн деген гипотеза айтып, окуяны толук чагылдырган фактылар болбогундугуна байланыштуу, бул маселени ачык бойдон калтырып, аны кийинки изилдөөчүлөр чечиши керек деп жазган. [8-63-65].

Белгилей кетүүчү нерсе, совет мезгилиндеги айрым изилдөөчүлөр, саясий талаптарга ылайык, ала-тоолук кыргыздар эң байыркы кылымдардан тарта эле жергиликтүү (автохтондуу) эл болгон деген жасалма түшүнүктү колдонууга өтүшкөн. Мындай пикирди эч бир тарых фактысы далилдебегендиктен, алар өзүлөрүнүн оюн бекемдеш үчүн бул көз карашты Ч. Валихановго таңуулашкан [11-27:50]. Анткени Ч.Валиханов өзүнө чейинки изилдөөчүлөрдүн кыргыздар Ала-Тоого XVIII кылымдын башында көчүп келген деген түшүнүктөрүн жокко чыгарыш үчүн, «Тарих-и Рашиди» булагындагы маалыматтарга тянып, алар «байыркы мезгилден бери Ала-Тоодо жашаган» деп жазган [8-57-65] сүйлөмүн үзүп алып пайдаланышкан. Окумуштуунун пикиринин толук мазмуну, кыргыздар байыртадан, б.а. XVIII кылымда эмес, а бери дегенде XVI кылымдан бери Ала-Тоодо көчүп жүргөндүгүн баяндап, ага мисал катары XVI кылымдын автору Мырза Мухаммед Хайдардын маалыматтарын көргөзгөн. Жогоруда белгиленгендей Ч. Валиханов кыргыздардын Ала-Тоого келишин IX же XIII кылымдарда болушу мүмкүн деген божомолун жазган.

Ч. Валихановдун көз карашын күчөтүп, кыргыздарды автохтондуу эл кылууга жасалган аракет, казак окумуштуусу А.О.Маргуландын пикирине таандык. Ал кыргыздар байыркы кылымдарда Түштүк Сибирь менен Ала-Тоо аймагында туташ көчүп жүрүшкөн деген илимий-фантазиялуу ойду айтып, алардын андай көчүшүн XII кылымда каракытайлардын же XIII кылымдагы моңголдордун жортуулдары үзгүлтүккө учуратып, элди эки аймакка бөлүшү ыктымал деп жазат [19-175-201].

Енисейлик жана ала-тоолук кыргыздардын эч кандай этногенетикалык байланышы жок, эки башка эл деп жазган биринчи изилдөөчү, XIX кылымдын ортосундагы белгилүү синолог Н.Я.Бичурин болгон [7-29]. Окумуштуунун оюу боюнча cибирь кыргыздары моңгол тилдүү эл болгон. Ал эми ала-тоолук кыргыздар түрк тилинде сүйлөп, алардын чыныгы аты бурут болушу мүмкүн деп түшүнгөн. Ал алгач «болу», «болюй» деген аталыштар менен б.з. башында эле Хотондун түштүгүндөгү тоолордо көчүп жүргөн уруулар «бурут» менен окшошо тургандыгын айткан. Бирок, мындай пикир Н.Я. Бичуриндин Кытай булактарындагы бир катар маалыматтарды жаңылыш түшүнгөндүгүнөн пайда болгондугу, бүгүнкү күндөгү тарых илиминде эч кандай талаш жаратпайт. Н.Я. Бичурин жалгыз гана кыргыздарды эмес, орто кылымдардагы түрк урууларын да, моңгол тилдүү этностор деп эсептегендиги белгилүү. Ошондой болсо дагы, Н.Я. Бичуриндин жаңылыш пикирин реалдуу фактыга айландыргысы келген хакас археологу Л.Р.Кызласовдун аракетинен майнап чыкпады. Анын илимий көз караштарына белгилүү илимпоздор объективдүү баа беришкен. Акыркы илимий сын пикирлер орус тарыхчысы Ю.С.Худяковдун эмгектерине таандык. Аларда Л.Р.Кызласовдун пикири эч кандай илимий сынга жооп бере албагандыгы терең анализге алынган.

XIX кылымдын экинчи жарымынан тартып, тактап айтканда Кыргызстандын Россия империясынын курамына кириши менен, кыргыз элинин тарыхы, анын ичинде этногенез маселелери дагы илимий деңгээлде колго алына баштайт. Өзгөчө 1893-94-жылдары даниялык В.Томсен, россиялык В. Радлов тарабынан Орхон-Енисей өрөөндөрүнөн табылган руна сымал жазуулардын чечмелениши, түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын тарыхына кызыгуунун жаңы толкунун жараткан. Ушул аралыктарда көптөгөн европалык чыгыш таануучулар «түрк дүйнөсүн» изилдей баштаган. Алардын арасынан В.В.Радлов, В.В.Бартольд, Н.А.Аристов, Г.Е.Грумм-Гржимайло сыяктуу көптөгөн чыгышпоздор кыргыз элинин саясий жана этникалык тарыхын изилдөөгө кадам коюшкан. XIX кылымдын акырынан тартып О.Сыдык уулу, Б.Солтоноев, Ы. Абдырахманов ж.б. бир катар кыргыз өкүлдөрү дагы өзүлөрүнүн тарыхын изилдөөгө аракеттенишкен.

Кыргыздардын этникалык тарыхын изилдеп үйрөөнүүнүн жаңы тепкичи Совет доорунда жаралган. Советтик мезгилде көптөгөн адис-илимпоздор даярдалып, илимий эмгектерин жаратышты. Алардын арасында

А.Н. Бернштам, С.М. Абрамзон, К,И. Петров, Ө. Караев, А.Мокеев, Ю.С. Худяков өңдүү көрүнүктүү адис-тарыхчылар этногенез маселелерин чечүү боюнча иш алып барышкан. Ошону менен катар эле, Совет бийлигинин баштапкы жылдарында европалык окумуштуулар менен бирге Б. Жамгерчинов, С. Ильясов, Ө. Караев ж.б.у.с. кыргыз адистери дагы катышкан тарых изилдөөнүн илимий мектебинин базасы калыптанган.

Жалпысынан алганда ХIХ-ХХ кылымдардагы кыргыз таануучулардын дээрлик бардыгы енисей жана ала-тоолук кыргыздардын этногенетикалык тектештигин танышпайт. Себеби, тарых булактарындагы түрдүү фактылар алардын генезисинин башаты бир экендигин далилдешет. Мындай жыйынтыкка кыргыз элинин этногенезине арналган, 1956 – жылы болуп өткөн илимий сессиянын материалдары да күбө болот. Илимий сессиянын иштеринин натыйжасында, анын катышуучулары кыргыз элинин негизги уюткусу же эң болбоду дегенде, анын курамына кирген бөлүктөрүнүн бирөө Борбордук Азияда (Түштүк Сибирь, Батыш Монголия) пайда болгон деген корутундуга келишкен [19: 233]. Ошондуктан енисей жана ала-тоо кыргыздарынын этногенетикалык байланыштары, бүгүнкү кыргыз тарыхы илиминде чечилген маселе катары бааланат. Бирок алардын Түштүк Сибирден Ала-Тоого качан жана кайсыл мезгилде жер которгон деген суроого келгенде, изилдөөчүлөрдүн пикирлери бир канча көз караштарга ажырайт.

Аларды негизинен төмөнкүдөй классификациялоого болот:

  1. Енисейлик жана Теңир-Тоолук кыргыздардын бүгүнкү теги бир, бирок алар б.з.ч. эле экиге бөлүнүп калган жана алар кайрадан, негизинен, б. з. алгачкы миң жылдыгында биригүү жолу менен азыркы кыргыз эли калыптанат.

Бул гипотезанын негиз салуучусу Н.А. Аристов болуп эсептелинет. Ал өзүнүн эмгегинде, байыркы кыргыздар б.з.ч. эле, тактап айтканда хуннулардын заманында теңир-тоолук жана енисейлик болуп экиге бөлүнүп калгандыгын жазат. Ал байыркы кытайлык тарых булактарында батыш кыргыздар (Тянь-Шань) өзүлөрүнүн бир уруусунун «усунь»деген аты менен белгилүү болуп калган. Ал эми чыгыш кыргыздары (Енисей) “кыргыз” деген өз аталыштары менен эле жазылган, деген ойду айтат [3450-451; 460; 464-465]. Т.а. Н.А. Аристовдун пикиринде байыркы усунь уруулуры кыргыздар болушкан. XIX кылымдын окумуштуусунун бул гипотезасын андан ары өнүктүргөн изилдөөчү А.Н.Бернштам болгон. Анын пикиринде Ала-Тоо аймагына кыргыздардын бир бөлүгү эң алгач хуннулардын жана сак-усунь урууларынын курамында келиши мүмкүн. Бирок б.з.ч. мезгилден, б.з. ХV-ХVI кылымдарына чейин, б.а. бир жарым миң жылдан ашуун убакыттын ичинде Түштүк Сибирдеги кыргыздардын айрым топтору мезгил-мезгили менен ала-тоолук кыргыздарга келип кошулуп турушу менен кыргыз эли куралган [620-25]. Түштүк Сибирден келген кыргыздардын топтору бир канча этаптардан т.а., б.з.ч. II-I кылымдардан кийин (хуннуларды заманы),

б.з. V-VI (хунну мамлекети кыйрагандан кийин), андан кийин VIII-Х (түрк, түргөш, карлук мезгили) жана ХVХVI кылымдарда Теңир-Тоого келгендиги көргөзүлгөн. А.Н.Бернштамдын бул көз караштары бир катар изилдөөчүлөр тарабынан кескин сынга алынган.

Чындыгында эки аймактагы бир этностун өкүлдөрү ар бир 500-600 жылдар аралыгында эч өзгөрүүсүз бирибирине кошулуп турушу илимий эмес, а фантазиялык пикирге жакындашып кетет. «Аристов-Бернштам» гипотезасы реалдуу тарыхый чындыктан алыс жана объективдүү фактылар менен далилденбейт. Илимде усундардын кыргыз болгондугу далилсиз ой жүгүртүү катары кабыл алынат.

  1. Кыргыздардын Түштүк Сибирден Ала-Тоодо жер которуусу «Улуу кыргыз кагандыгынын» мезгилинде, т.а. IХ-Х кылымдарда болуп өткөн деген гипотезанын негиздөөчүсү катары В.В. Радловду белгилесе болот. Анын пикиринде кыргыз каганатынын саясий жогорулаш доорунда алардын, бир бөлүгү Ала-Тоо аймагына чейин жетиши мүмкүн болгон [15-18]. Бирок кийинки көз караштарында кыргыздар XII кылымда кара кытайлардын же XIII кылымда моңголдордун кысымында, бир бөлүгү Түштүк Сибирдеги Минусинск өрөөнүнө, экинчи бөлүгү Ала-Тоого жер оодарышса керек деген ойду жазган. В. Радловдун бул пикири кандайдыр бир деңгээлде Ч. Валихановдун ой жүгүртүүсү менен дал келет [858;65]. В. Радловдун кыргыздардын IХ-Х кылымдарда жер которуу идеясын бекем жактаган изилдөөчүлөрдүн бири Грумм-Гржимайло болгон. Ал кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү X кылымда Түштүк Сибирден АлаТоого жер которгон деп эсептеген [10-367]. Бирок аларга Түштүк Сибирде кошуна жашаган, кийин XIII кылымда моңгол чабуулдарынан улам жер которушкан буруттар кошулуп, кыргыздарга аралашып сиңип кеткен деген жаңылыш ойдо болгон [10-445].

В. Радлов негиздеген, кыргыздардын IХ-Х кылымдарда, балким XҮҮҮ кылымга чейин Түштүк Сибирден Ала-Тоого жер которуу гипотезасы бүгүнкү расмий тарых таанууда үстөмдүк кылат. Бул гипотезаны ар кандай өзгөрүүлөрү менен кийинки мезгилдин изилдөөчүлөрү О. Караев жана Ю. Худяков ж.б. колдоого алышат.

  1. Үчүнчү гипотезалык багыт, кыргыздардын жер которуусун ХIV-ХV кылымдарга таандык катары карашат. Бул көз карашты алгачкылардан болуп акад. В.В. Бартольд билдирген. Белгилүү түрколог, кыргыздар жөнүндөгү жазма булактардагы маалыматтарды дыкат анализге алуу менен, орто кылымдардагы кыргыздар менен алатоолук кыргыздар этногенетикалык тыкыз байланышта тургандыгын көргөзүп, аларды бир этностук бөлүк катары баалаган.

Түштүк Сибирдеги кыргыздардын айрым чакан топтору X кылымда, ошондой эле кара кытайлар менен XII жана моңголдор менен XIII кылымдарда Ала-Тоого жер которушу мүмкүн деген ойду айткан [5-69]. Бирок кыргыздардын XVI кылымга чейинки тарыхый маалыматтарда Ала-Тоо аймактарында эскерилбегендигин жана алардын ошол эле мезгилдерге чейин Орто Азия калктарынан өзгөчөлөнүп, ислам динин толук кабыл албагандыгын аргументтештирип, кыргыздардын негизги массасы Ала-Тоо аймагына XV кылымда гана жунгар калмактарынын кыймылы менен чогуу келиши жөнүндөгү гипотезасын айткан [4-39;514].

Бул пикирди андан ары өнүктүргөн изилдөөчү К.И.Петров. Ал эмгектеринде кыргыз элинин түпкү ата-бабалары Енисей-Иртыш дарыяларынын аралыгын мекендеген кимак – кыргыз урууларынын ХIII-ХIV кылымдарда Иртыш-Иле сууларынын ортосундагы жерлерге акырындык менен көчүп келүүсүнөн башталат деп жазат. Бул жер которуу, Моголстан мамлекетинин XV кылымдын 2-жарымында кыйрашы менен толук аяктаган. Ошентип, Ала-Тоо аймагында Енисей-Иртыш эки суу аралыгын мекендеген уруулар менен Ала-Тоолук жергиликтүү уруулардын жуурулушунан кыргыз эли калыптангандыгын белгилеген [20]. К.И. Петровдун гипотезасы тарыхый фактырларды колдонууларда бир аз аша чаап кеткендигине байланыштуу, анын көз карашын Л.И. Потапов, С.М. Абрамзон, Ө. Караев ж.б. бир катар окмумуштуулар сынга алышкан.

Аталган негизги үч багыттагы гипотезалык көз караштардан башка дагы айрым ой жүгүртүүлөр болуп келген. Андай пикирлердин калыптанышына XX кылымдын экинчи жарымынан тарта Совет мамлекети менен Кытай Эл Республикасынын саясий мамилелери кескин начарлашы чоң таасир тийгизген. Саясий идеологиянын негизинде кыргыз эли эң байыркы мезгилден бери эле, Ала-Тоону мекендеп келген автохтондуу эл болгон деген жобону киргизүү менен, алардын орто кылымдардагы Түштүк Сибирлик кыргыздар менен болгон бардык байланыштар жокко чыгарылган. Кыргыздардын этникалык теги орто кылымдардагы кыргыздар менен бирге деген илимий пикир, жаңылыш көз караш катары кабылдоого мажбурланган [11-49]. Ошондуктан кыргыз тарыхында, элдин тарыхын Енисей боюндагы орто кылымдардагы кыргыздар менен байланыштырбаган, жаңы илимий көз караштар ойлоп табыла баштаган. Алардын бирине 1984-жылы жазылган «Кыргыз ССРинин тарыхы» расмий эмгектин 1-томун жазууга катышкан авторлордун пикирлерин кошсо болот. Анда негизинен, К.И. Петровдун гипотезасынын базасында жаралган жаңы көз караш берилген. Бул көз караш боюнча, К.И. Петров белгилеген Енисей-Иртыш боюндагы кимак-кыргыз уруулары деген тезис жокко чыгарылып, Енисей боюндагы кыргыз уруулары, Иртыш боюндагы кимактарга келгенде алардын курамына толук сиңип кеткендиги баяндалат [11-426]. Ал эми азыркы кыргыз эли – Алтай, Иртыш өрөөндөрүнөн чыккан кимак-кыпчак урууларынын базасында куралып, енисейлик кыргыздар менен болгон этногенетикалык байланыштар үзүлөт [11423-430]. Бул жерде жасалмалуулук менен пайда болгон пикирди байкоо кыйын эмес.

Кыргыз элинин этникалык тарыхын изилдөөгө арналган фундаменталдуу эмгекти С.М. Абрамзон 1971-жылы жараткан [1]. Изилдөөчүнүн көз карашында кыргыз элинин этностук курамына кирген уруулар үч катмарга бөлүнгөн. 1-катмарга ХҮ кылымдарда борбордук Азияны мекендеген түрк тилдүү уруулар кирет. 2-катмарга XII-XIV кылымдардагы моңгол тилдүү уруулар кошулса, 3-катмарды XV-ХVIII кылымдардагы Ала-Тоодогу жергиликтүү уруулар түзөт [1-30-41]. Бирок изилдөөчүнүн эмгегинде айрым мүчүлүштүктөр менен бирге, этногенез маселелерин ачык билдирүүгө саясий-идеологиялык кырдаал жолто болгондугу байкалат. Анын орто кылымдардагы кыргыздар менен болгон этногенетикалык байланыштарга үстүртөн токтолуп, «кыргыз» терминин этникалык эмес, саясий термин катары көрүүгө жасаган аракеттеринен жогорудагы абалды көрүүгө болот [1-8-19].

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз элинин этногенетикалык байланыштары бүгүнкү мезгилге чейин толук изилденип бүтпөгөндүгүн көрдүк. Жогоруда каралгандай, түрдүү көз караштар, бирин-бири жокко чыгарган пикирлер жашап келет. Бирок аларды жалпылап караганда, макалада анализ кылынган негизги үч илимий топко бөлүүгө болот. Албетте, кыргыз элинин этногенез проблемалары келечектеги изилдөөчүлөрдү күтөт.

Адабияттар:

  1. Абрамзон С.М. Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхий-маданий байланыштары // Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер – Б., 1999.
  2. Андреев И.Ч. Описание Средней Орды киргис-кайсаков и касающимися до сего народа а також и прилежащих к Российской границе, по части Колыванской и Тобольской губерний, крепостей дополнениями// Т.СХ-СХ ҮП-СПБ., 1795-1796.
  3. Аристов Н.А. Опыт выяснения этнического состава кириз-казаков Болыдой Орды и кара-киргизов на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях и о родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся антропологических исследований// Живая старина.- Вып. ПМҮ – СПБ., 1894
  4. БартольдВ.В. Сочинение.–т.2.–ч.1–М.,1963.
  5. Бартольд В.В. Сочинение.–Т.5.–М.Д968.
  6. Бернштам А.Н. К вопросу происхождения кыргызского народа.// СЭ.–1955. №2
  7. Бичурин Н.Я. (Иякинф) Описание Джунгарии и восточного Туркестана в древнем и нынешнем состоянии.- СПБ., 1829. 8. Валиханов Ч.Ч. Собр.соч. в 5-и т.–т.2–Алма-Ата, 1985.
  8. Георги И.Г. Описание всех в Российском государстве обитающих народов, так же их житейских обрядов, вер, обыкновений, жилишь, одежд и прочих достопамятностей.–Ч.2.–СП., 1776.
  9. Грумм-Гржимайло Г.Е. Западная Монголия и Урянхайский край.–т.2–Л. 1926.
  10. История Кыргызской ССР.–Т.1.–Ф.Д984
  11. Караев О. Арабский и персидские источники 1Х-ХП о кыргызах и Киргизии. – Ф., 1968; О переселении Енисейских кыргызов на Тянь-Шане// Вопросы этнической истории кыргызского народа.–Ф., 1985.
  12. Миллер Г.Х. История Сибири.–т.1.–М.,Л.Д937
  13. Петров К.И. К истории движении кыргызов на Тянь-Шане и и их взаимоотношения с ойратами.–Ф., 1961.
  14. Радлов В.В. Предисловие// Манас – героический эпос кыргызского народа.–Ф., 1968
  15. Радлов В.В. Этнографический обзор турецких времен Сибири и Монголии.–Иркутск., 1929
  16. Рычков П.И. Топография Оренбургской губернии. (Соч. П.И.Рычкова 1762 ). – Оренбург., 1918
  1. Татищев В.Н. История Российская с самых древнейших времен через 30 лет собранная и описанная покойным тайным советником и астраханским губернатором Василием Никитичем Татищевым.–кн. ҮҮ.-ч.Ү.–М., 1768
  1. ТКАЭЭ.–Т.З.–Ф.1959.
  2. Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии.–Б., 1995.
  3. Фишер И.Э. Сибирская история с самого открытия Сибири до завоевания всей земли российским оружием.–СПБ.,1774.

 

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу