КЫРГЫЗДАР
Кырк томдук
14-ТОМ
Мурас
Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Жылдыз БАКАШЕВА, Макелек ӨМҮРБАЙ
Бул томдукта кыргыздардын маданий мурастарын чагылдырган бата, тилек, алкоо, каргыш, ант сыяктуу жанрдагы чыгармалар менен макал-лакаптар топтоштурулду.
МУРАС
КЫРГЫЗ ДҮЙНӨСҮ КАСИЕТТҮҮ СӨЗДӨ
Кыргыз баласы төрөлгөндөн, ыңаа деп ыйлагандан, «апа» деп оозангандан тартып ыр уга баштайт, анан ыр, бешик менен өсүп чоңоёт, азели көз жумганча поэзия менен жашайт. Сөз атасы – ыр. Ар бир кыргыз баласынын өмүрүн бешик ырлары, бекбекей, жар-жар-ай, сүйүү, ырым-жырым, эмгек ырлары, насыят, терме ырлары коштойт жана адам эң акырында жоктоо ыры кошок менен о дүйнөгө узайт. Элдик поэзиянын, сөздүн молдугун ушундан билиңиз: ар бир кыргыз өмүр бою оозу басылбай ырдап өтсө да ыры эч качан түгөнбөйт экен.
Ошондуктан баарынан сөз улук, оболу сөз жаралган дешкен байыркы бабаларыбыз. Мындай шардана накыл элибиздин сөздү ашык, кут тутканынан улам айтылгандыр. Сөздүн жашы элибиздин өмүрү менен тең. Калк өнөрү, акылмандыгы, кудурет кусуру – сөзүндө. Ар бир сөздүн тарыхы, мааниси, орду жана касиет барабар күчү болорун эзелтен элибиз билген. «Өнөр алды кызыл тил» деген кыргыздар жер каймактагандан сөздү баалап, мыйзамы, анты катары ыйык санап, көз карегиндей өтө этият урунушкан. Кыргыздардын атам замандан бери асырапсактап жүрүп, XXI кылымга бапестеп жеткирген рухий мурасы сөз казынасы, накыл сөзү, эне тили болсо керек. Ага аземдүү шаанини, купуя сырды, керемет ка сиетти, сулуулукту, тунук акылмандыкты жана бай дүйнөтаан ымы катышкан. Элибиздин ар бир сөзү алтын кыш сыяктуу асыл, андан бабалар опол тоодой сепил курушкан. Кыргыздардын дүйнөлүк цивилизациянын рухий маданиятына кошкон олжо эстелиги – тили, поэзиясы, сөз менен миң жылдап соккон улуу «Манас» эпосу.
Нечен кылымдан бери элдик ырларда, дастандарда, поэмаларда, кенже, улуу «Манас» эпосторунда жана ооз эки санжырада байыркы кыргыз тарыхы, жашоо турмушу, өмүрү, салты жана рухий маданияты чагылдырылган. Кыргыздар өздөрүнүн ырааттуу түшүнүктөрүн керемет кудурети артылган сөздөргө куп уютуп, улуу кыргыз сөз казынасын жараткан. Кыскасы, ой-санаасы, үмүт-кыялы, ойчулдугу, бакыт-үгүтү, кайгы-нускоосу жана кунардуу акылмандыгы – элдик поэзиянын негизги уютку куту. Кыргыздын ар бир сөзүн чечмелегенде анын ары түпкүрүнөн нечендеген нускоо, осуят, экимет, насыят-терме, тилек-бата, каргыш-казап туюнтмалары миң тамырлап уйкалышкан, куюлушкан макал-лакап, ыр болуп, сөздү сөз ээрчитип кубулжуп чыга келет. Ар бир сөздүн шамдай жарык чачкан кудурети, ийкемдүүлүгү, асылдыгы, тереңдиги жана акылмандыгы алтындай уюп жатканын байкайбыз. Эне тилибиздин эзелтеден берки тарыхы, мурасы адамга тийгизген таасири, сөз касиетинин жабык сырлары жана маани-маңызы ачылат.
Азыркы учурда кыргыз сөз казынасынын байлыгын, ажарын, ийкемдүүлүгүн жана терең ойлуулугун билүү ар жарандын парзы. Элибиздин эзелтен берки сөз зээрине абай салсак, балким, күнүмдүк жашообузда ириде акыл-оюбузду дагы байытууга, дүйнөгө кеңири кароого, адеп-аклагыбызды жакшыртууга жана доор, журт, коом алдында адамдык, жарандык, атуулдук парзыбызды аткарууга пайдасы гана тиет деп ойлойбуз.
Эне тил. Эне сүтүн оозанган наристе бара-бара адеп алгачкы сөздү айтып, жаңыдан тили чыга баштайт. Эне кереметинин барманы менен «эне тили» деген сөз айтылып, элге жайылса керек. Кыргыздар эзелтен өз тилин эне тили деп кадырлашкан.
Эне тил тарыхы. Кыргыз тили өтө байыркы. Эне тилдин түп негизин энесайлык кыргыздардын сөз байлыгы түзүп калды. Кыргыз тили байыркы сактар, гундар, үйсүндөр, динлиндер, түрктөр жана Түштүк Сибирдеги байыркы көчмөндөр урунушкан. Муну бир гана кытай жазмасында айтылбастан кыргыздардын атам замандан бери руникалык жазмаларында, оозеки чыгармачылыгында далилдейт.
Нечен кылым тарыхый шартты башынан кечирген эл далай уруу, калк менен кошуна-колоң болушту, нечендеген күчтүү хандыктардын кол алдында жашады. А бирок өз эне тилин унутушкан эмес. Чет элдер менен соода, маданий, элчилик байланыштар болгон үчүн кыргыз тилинде көптөгөн улуттардын, анын ичинде кытай, монгол, тибет, түрк, уйгур сөздөрү кирип кеткен. Кыргыздар ислам динине оой баштаганда араб, перси, орус жана чет элдик сөздөр колдонулуп, тил байыды.
Кыргыз тилинде түндүк жана түштүк диалектиси сакталган.
Сөз байлыгы. Эне тилине улуттун сөз байлыгы кирет, эгиздеп ой айтканда, сөз байлыгы эне тилдин кутун түзөт.
Кыргыздар сөзгө этибар маани берет. Сөзгө келгенде: ак сөз, аманат сөз, арбактуу сөз, ашык сөз, жашык сөз, бок ооз сөз, бөрү сөз, даамдуу сөз, дары сөз, дансыз сөз, даарыган сөз, жадатма сөз, жакпаган сөз, жакшы сөз, жугумсуз сөз, сансыз сөз, жалган сөз, жылуу сөз, каадалуу сөз, кайнар сөз, калп сөз, калыс сөз, калпыс сөз, кирсиз сөз, оң сөз, өткүр сөз, тексиз сөз, жетесиз сөз, жел сөз, какшык сөз ж. б. деп айтыла берет.
Эзелтен эл ичинде тилдин майын тамызып, сөздүн балын агызып айткан акындар, жомокчулар, дастанчылар, манасчылар, чечендер, сынчылар, акылмандар, санжырачылар, акелер ж. б. чыккан.
Кыргыз тилинин тарыхын илимий изилдөө XX кылымда гана жүргүзүлгөндүктөн, өнүккөн элдердин окумуштуулары кыргыз тилинин тарыхына, түпкү чыгышына анчейин маани беришпей, түрк, уйгур ж.б. тилдерден кичүү кылып, а тургай кыргыз тилин алтай тилине кошуп жүрүшөт. Ал эми алтайлыктар кыргыздардын бир уруусу. Кыргыз тилин шумерлердин тили менен окшоштуруп турса, батыш изилдөөчүлөрү түрк тилинин бутагына киргизгени да талаш маселе. Азыр мындай каталыктарды дүйнөлүк илимий чөйрөгө далилдеп жеткирүү жана жөнгө салуу өтө түйшүктүү жана узак мезгилди талап кылат.
Кыргыз тили бай жана кооз тил. Улуттун негизги сөздүгүндө кырк миң сөз чогултулган. Тилчи-окумуштуу лар эне тилдин сөз байлыгын 60 миңге жетет деп божомолдошот. Кээ бир батыш илимпоздор кыргыз тили азыркы адамзат акыл-дүйнөсүн, философиялык, астрономиялык, илимий түшүнүктөрүн толук чагылдыра албайт дегени сыйда айтканда чекилик.
Эл ичинде сөздөрдүн бата, тилек, алкыш, айтым, керме, накыл, насаат, осуят, акыл, керээз, дуба, каргыш, наалат, жеме, какшык, жалынып-жалбаруу ж.б. деп түрлөнтүп айта берет.
Кыргыз тилинин бай экендигин төмөнкү мисалдан эле көрсөк болот: эне тилинде адамга мүнөз берүү үчүн эки жүздөн ашуун сөз бар; эненин баласына эркелетип айткан элүүдөй сөзү бар; бабалардын жылкыга, анын сыны, өңү жана ат жабдыктарына байланышкан миңге жакын сөз айтылат; Байыркы бабалардын сөгүнгөн сөзү болгон эмес. Эгерде нааразы болсо, наалат сөздөрдү айтышкан. Сөгүнгөн сөз XIX–XX кылымдарда гана пайда болду.
Байыркы кыргыздар сөзгө бай болгону үчүн нечен элдик мыкты ырларды, макал-лакаптарды, дастандарды жана «Манас» сыяктуу улуу эпосторду жаратты. Ар бир доордо коомдук жашоо тиричиликтин шартына жараша сөз жаңыланып турат жана жоготууга учурайт. Тил кадырын билгенге ар бир сөздүн куну баалуу эстелик жоголгонго тете, андан да кымбат жоготуу. Андыктан ага жан ачыган эп. Эгерде Кытай, Тибет, Монголия, Түркия өлкөлөрүнө, Түштүк Сибирди байырлаган бабалардын ата конуштарындагы боордоштордун жана түрк тилиндеги сүйлөшкөн элдердин мекендерине, архивдерине, рухий мурастарына бирдиктүү тарыхый, этнографиялык, маданий, фольклордук илимий изилдөө иштери жүргүзүлсө, Ата Мекендин рухий маданияты дагы байыр эле.
Кээ бир тилчи илимпоздордун аныктамасы боюнча, кыргыз баласы күнүмдүк жашоо турмушунда эки-үч миң гана сөздү урунушат. Сөздү чогултуп гана тим болбостон, аны этият урунуу да керек, антпесе рухий жардыланабыз. Айылдан небак оолактап жашаган шаардыктар күнүмдүк турмушунда мал-жанга, жаныбарларга, куштарга, табиятка жана башка элеттик тиричиликке байланышкан кеп сөздү пайдаланышпагандыктан тилди унуткара башташат.
Сүйлөө маданияты. Баамдоолордо сөздү алгылыктуу, уккулуктуу айтуусу менен угуучунун адеби төп келмейинче сүйлөө маданияты эч качан ойдогудай боло албайт. Ошон үчүн ургаалдуу кеп сүйлөнүп жатканда бирөөлөр ич ара же бирөөлөрдү карап шыбырашуусу, күбүр-шыбырга айланып кетүүсү, күлүп калуусу, албетте, адептүүлүк, ыймандуулук эмес.
Адамдардын мамиле кылуу адеби. Ата-бабалардан келе жаткан салтында-наркында бирөөлөр сөз сүйлөйт. Кайра ага сөзүнө карата сыйда жооп кайтарат. Бул – чоң маданият. Сүйлөө манерасында жалжактоо, ырсактоо, сөзгө конок бербей калжактоо, улуу-кичүүнү барктабоо – бул ыймансыз абалда калуучулук.
Илгери көпчүлүк алдында ырдап жатканда, төтөн, улуттук кийим-кечектерди кийип алып, мисалы, үкүлүү тебетейчендер, каз элечекчендер, чыптама, кош этекчендер, бешмантчандардын кыйшалактоо, оңго-солго обу жок бурулуу, мимикасын өзгөртүү, азыркыдай туйлап,мөңкүп кетүүсү ургаачы заты үчүн өтө эле копол, уятсыз, осол сезилчү.Ургаачылык назиктик менен имериле басып, иймениңки тартып кетүү, шаңдуу да, көркөм да көрү нүүчү.
Сөзгө жыгуу. «Күрөштөн жыгылса турат, сөздөн жыгылса турбайт», «Эр жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн» (макал). Бул – адептүүлүктүн, ички маданияттуулуктун бир белгиси, кеп-сөз кунун адамча баалай билүүсү.Акыйкаттуулуктун эр-даңазасын айра таанып, ага адилет мамиле кылуусу. Ал сөзгө жыгылып калуу парзыбыз. Мунун «сөзгө сынуунун» окшоштугу менен бирге аны таптакыр айырбаштай албайбыз. Анткени менен тереңинде кеп-сөз кунун баалоо бар.
Сөзгө сынуу – болгон чындык окуяны моюнга ала билүүсү. Албетте, булар бирин бири толуктайт. Мындай сапаттар илгеркилерге бөтөнчө таандык эле. Кийин сөзгө моюн бербей, жажалашып айтышуу, көп ызаатын, сөз кунун баалабай, маңыссыз талаш-тартыш өнөкөтүнө айлануулар арбындай… Андайлар «кеп жебестер» деп аталат.
Кеп-сөзгө кыпчылуу. Кыргыздарда сөз сүйлөөдөн, аны уга билүүнү жогору койгон. Кепке конок берүү – жеринен келе жаткан адеп. Туурадан качырып, ортодон сөзгө кыпчылууну жүгөнү жок атка окшоштурган. Т. а., бир нукта кызыктуу аңгемеге киргендерди антип алаксытууну куюшканга кыпчылган жылкынын тезегине салыштырган. Бирөөлөр өз оюн айтып бүтмөйүн учкан чымындын үнүн уккандай тынчтык сакталган. Эшиктен кирээр замат тык отуруп калуу, капталдан чыга калып, суроо сунбоо абалтан келе жаткан нарк болуп саналат.
Сөз жөнүндө бабалардын накылы. Сөз уккандан үмүт кыл.
Сөздөн күчтүү, сөздөн ыйык курал жок.
Сөз айтпагын билбеске.
Сөз атасы – ыр, сөз катасы – чыр.
Сөз башы ачуу болсо, аягы таттуу болот.
Сөз билги – тапчыл, адам сулуусу – акыл. Сөз билүүчү адамдын ар өзүндө бир тузак.
Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт.
Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат.
Сөздүн көркү – насаат, куштун көркү – канат.
Сөздүн сөздөй баркы бар, отуз эки наркы бар.
Сөздү сөз табат.
Сөз сөөктөн өтөт.
Кеп көркү – тил, ойдун көркү – сөз.
Кылыч бирди, тил миңди жыгат.
Сөз угарың болбосо, сүйлөбөгүн бекерге.
Тил акыйкатты табат.
Тилден бал да тамат, уу да тамат.
Тил – жүрөктүн ачкычы.
Тил – кылычтан өткүр.
Тил – ойдун сандыгы.
Токсон ооз сөздүн томуктай түйүнү болот. Тууган катары кучакташтырган – тил, душман катары бычакташтырган – тил.
Туура сөздү туура дебеген адам калыстыктан өтөт.
Улуунун сөзүн ук, кичүүдөн ойлон.
Улуу сөздө уят жок.
Сөз баштаган эл баштайт.
Улуу сөз – өткөн өмүр.
Чечендин сөзү – алтын, устанын колу – алтын.
Тил – дөөлөт.
Акыл көркү тил, тилдин көркү – сөз.
Тил – арстан, күзөтчү – босого. Ооз менен тилдин көркү – сөз. Сөз сөөктөн өтөт, жүлүнгө жетет, таяк эттен өтөт, тез эле унутулуп кетет.
Чындык сөздүн душманы көп.
Чынын айткан киши – ак.
Эненин сөзү – нур.
Эрдин өзүнө караба, сөзүнө кара. Эрдин сөзү элде калсын, душмандын сөзү жерде калсын.
Эстүүгө эки ооз сөз жетет.
Эттен өткөн таяктан да, сөөктөн өткөн сөз жаман.
Өнөр алды – кызыл тил.
Орду жок сөзгө ооз ачпа.
Ооздон чыккан сөз – колдон учкан куш.
Сөз баштаган, эл баштайт.
Оозунан сөзү түшкөндүн, колунан бөзү түшөт.
Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө.
Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой ооруга жолугат.
Ой – сөздүн булагы.
Кулактан кирген суук сөз жүрөккө барып муз болот.
Көп сөз – көмүр, аз сөз – алтын. Көз жетпеген жерге сөз жетет. Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат.
Карынын сөзүн капка сал.
Кесердүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат.
Калп сөз жанга жоо.
Ийне – көзүнөн сынат, адам – сөзүнөн сынат.
Айың кеп – айылды иритет.
Жакшы кеп – жандын азыгы.
Жакшы таап сүйлөйт, жаман каап сүйлөйт.
Жакшы сөз жан семиртет, жаман сөз жан кейитет.
Жакшы сөз – суу, жаман сөз – уу.
Жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт.
Жакшынын сөзү таш эритет, жамандын сөзү баш чиритет.
Дүйнөдө баарынан сөз салмактуу, сөз күчтүү.
Дааналык менен кыскалык – сөздүн көркү.
Көп билген – аз сүйлөйт, аз билген көп сүйлөйт.
Бычак жарасы айыгат, сөз жарасы айыкпайт.
Бир сөз бар – кут, бир сөз бар – жут. Бирөөнүн ат көтөргүс бөзү бар, бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар.
Ата сөзү уулга эм.
Аңдабай сүйлөгөн оорубай өлөт.
Акыл кеп өмүргө эшик ачат.
Адамдын өзү картайса да сөзү картайбайт.
Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
Акмактын миң сөзү акылмандын бир сөзүнө татыбайт. Акмакка айткан сөз – аккан суу, акылманга айтылган сөз – үйрөтүлгөн куш.
Сөз уккандан үмүт кыл.
Сөз укпагандан ыраак жүр.
Ооз кесир сүйлөбө.
Айтылбаган сөздөрүң алтын сымак.
Көңүлдүү коңшуңа ызалуу сөз айтпа.
Сулуулукту көздөн издебе, сөздөн изде.
Таттуу тилге алданба.
Адептүүлүктүн башаты – тил.
Бир жакшы сөз миң көңүлдүн жарасын бүтүрөт.
Арбактуу сөз айтууга – салмактуу ой керек.
Бөлүнгөн сөз – бөрү сөз, дамдуу сөз – дары сөз.
Тил – акыл таразасы. Ар сөздүн ажары бар.
Сөз – өчпөс жарык.
Эски сөздө эс бар.
Жашоонун көпүрөсү – сөз.
Улуу сөз – ууз сөз.
Тилдин көркү – сөз.
Сөз – жип, кандай созсо кете берет.
Сөз – үрөн, иш – мөмө.
Сөз тапка кирбес боосуз куш, ооздон чыкса карматпайт.
Сөз өзөгү – макал.
Сөз – чечендин санаты.
Сөзү жаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт.
Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе.
Тил – душман, акыл – дос, тиш – коргон.
Тил – жүрөктүн ачкычы.
Тил – көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
Тил менин тууганым, тил менин душманым.
Тил – ойдун сандыгы.
Тил – топчусуз, ооз – ачкычсыз.
Тил – акыйкатты табат.
Тил – акыл талаасы.
Тил – акыл таразасы.
Тил – акыл жарчысы.
Тил – баш жарат, жел – таш жарат.
Тил – кылычтан да өткүр.
Тил менен тикенди да аласыз.
Тилди тил кесет.
Тили тайгактын оозу тайгак.
Тиш өтпөгөнгө тил өтөт.
Тилиң бузулса, оюң бузулат.
Тилиң тишиңе күбө.
Чечен жигит жылан жуушаганды туят.
Чечендин сөзү кыска, айта келсе нуска.
Катуу сөз – камчы, жылуу сөз – укурук. Сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет, күч айласын билбеген көчтө көлүк өлтүрөт.
Сөз айтпагын болбоско, суу куйбагын толбоско.
Сөз атасы – кулак, жол атасы – туяк.
Сөз атасы – кулак, суу атасы – булак.
Сөз билбеген муштуму менен коркутат.
Сөз билги – тапчыл, адам сулуусу – акыл.
Сөз билүүчү адамдын ар сөзүндө бир тузак.
Сөз – бирөө, кулак – экөө.
Сөзгө – баатыр, ишине – бакыр.
Сөзгө сүйкөнбө, кепке кептелбе.
Сөзгө сөлтөк, кепке кемтик кылдың го!
Сөзгө чоркок муштумун көрсөтөт.
Сөздү коюп, бөзгө кел.
Сөздү көп сүйлөсө – тантык, сууну көп кечсе – чалчык.
Сөздүн башы – бир кучак, аягы – миң кучак.
Сөздүн көркү – макал, жүздүн көркү – сакал.
Сөздүн көркү – санат, куштун көркү – канат. Сөздүн кызуу темирдей ийилген убагы болот.
Сөздүн сөздөй баркы бар, отуз эки наркы бар.
Сөздү сөздө, артын көздө.
Сөздү сөз табат.
Сөздү чын токтотот, сууну чым токтотот.
Сөз жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет.
Сөз жүзүндө сүйүүдөн, ачык жек көрүү артык.
Сөз жүйөсүн тапса, мал ээсин табат.
Сөз келсе – де, аш келсе – же.
Сөз кулагы барга айтылат.
Сөз кутулбайт чеченден, мээнет кетпейт бечелден.
Сөз санабай гүлүн айт, миңин айтпай бирин айт.
Сөз сөздөн чыгат, сүйлөбөсө эмнеден чыгат.
Сөз – сөөктөн өтөт, таяк – эттен өтөт.
Сөз тапкан колко бербейт…
Сөзүндө ырысы болбосо, эткени эм болбойт.
Сөзүн сыйлаганың – өзүн сыйлаганың.
Сөзүң күмүш болсо, тек турууң алтын.
Сөзүң өлгөнчө, өзүң өл.
Сөзү суук адамдар баш бербеген торпоктой.
Сөзү таттуу көңүлдү ачуу.
Сөзү ырас болсо, ордунда турат, Сөзү калп болсо, кудай (же арбак) урат.
Сөзү экинин иши да чеки.
Сөз ээси киши – журт көзү.
Чечен алжыса атагын жейт. Чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар.
Чеченден өткөн чеченди «кара жаак жез тандай» дейт.
Чечендин көркү – таңдайда, баатырдын көркү маңдайда.
Чечендин – сөзү, баатырдын – көзү (курч).
Чечендин тили (же сөзү) көпкө орток, чебердин колу элге орток.
Чечен сүйлөө менен чебер жазуунун ортосу асман менен жердей.
Көсөм. «Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот» (макал). Алыс-жакынды, азыркы-келечекти баамдай, аңдай, дааналай, далилдей билүүчү. Адамдагы көрөгөчтүк. Баарына акыл-ою жетиктик. Даанышман, көсөм биринин сапатын бири кайталайт. Толуктап турат. Бул – алдын-ала туюучулук, ошого карата иш кылуучулук, эли-журтуна акыл-кеңеш айтуучулук. Мындай адамдар «туурадан кеп тапкан, туюктан жол тапкан» инсан катары бааланган. Бул эли-журтун ар кандай тоскоолдуктардан тоготпой алып чыгат дегенди туюндурат.
Барпы (кадырман). Барпы – кадыр. Кыргызда «кадыры сиңген», «кадыры артык», «журт кадырманы», «кадыр салып», «кадырын сыйлап» өңдүү сыпаттоолор бар. Ариет, мындай сыпаттоолорго анын керт башынын адилеттүүлүгү, кара кылды как жарганы, кичине-чоңго бирдей алынганы, «өзүмдү өзүм, өзгөнү жатым» дебегени чоң себепкер. «Карыны кадырлоо, улууларды урматтоо» ушундай сапаттардан улам калат. Мындай сыйга жетүүбүз керек.
Сынчы. Мындай адамдын эки тараптуу мүнөзү эске келет. 1-ден, кара кылды как жарган калыстыгы, ар нерсени туптуура чечүүсү, жүрөгүндө ала, жүрүмүндө кара жоктугу көз алдыга тартылат. Бул – оң көрүнүшү. 2-ден, кыйынсынма адаты менен бирөөлөргө сын тагып, өзүн өзү башкалардан өйдө көрүп, өзүнчө кыйын боло бергендери да бар. «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» – деп коюшат андай адамдарды.
Чечен. Сөзгө чебер, курч сүйлөгөн адам чечен аталат. Элде өтө сөзмөр, кызыл тил чечендерди коңур чечен, жөө чечен дешет.Үнүнө сүйлөө ыкмасы менен ою жарашкан, таңдайынан чаң чыгып, жер чечегин безеген, оозунан бал тамып, куюлуштура сөз берметин түзгөн коңур чечен болот. Сөздү элден алып, эл көрүп, билип жүргөндөрдү, бабыраганды, башкаларга сөз бербегендерди жөө чечен дешет. Айтканынын жугуму жок, майда сөздү жобурагандар кургак чеченге жатат.
Куудул. Таамай, так, элге үлгү болор адамдын мүнөзүн, жорук-кылыгын куйкум сөз аралаштырып учурунда айткан, таң тамашаларды көркүнө чыгарган, боорду эзген ашкере шайырлар куудул аталат.
Акылмандык. Адамзаттын алдында акылмандык деген рухий жол турат. Ушул жол атам замандан берки адамды, урууларды, элдерди тирүүлүктүн улуу, түз жолуна салды. А кыргыздар дагы ушубереги ыйык, улуу жолду чаалыкпай, жоголбой, эрдик менен кылым басып келе жатат.
Акылмандыктын жолу таланттуу, улуу инсандарга жана алардын акыл сөзүнө байланыштуу экенин бабалар нечактан билишкен. Алар сөз, ой кадырын ойлогон, сөзгө бекем турган эл. Сөздү абайлап, баамдап, аяр сүйлөшөт. Айтылган сөз – ок, убагында айтпасаң, сөз өлөт дешкен акылмандар.
Кыргыздар даана, көкүрөктөгүсүн ачык, түз айтат, кыска, жыйынтыктуу акылмандыкта, макал-лакап аралаштырып, куюлуштуруп, жамактатып сүйлөгөндү жактырышат. Какшана бербейт, ойдун артынан ойду куубайт. Ар адамга сөз айтууга тыным берет. Айтылган сөзгө кулак төшөйт, жажылдабайт, жыйынтыгын чыгарат. Муну ар ким парзы сыяктуу сезет. Мүмкүн чыгыш акылмандыгынын уюткусу ушудур.
Кыргыздар көп сүйлөгөндү жактырышпайт, андай адамды «бабыр», «сөзгө чоркок», «бул сөз жебейт», «сөз укпайт экен» деп баалап коюшат. Ою түз, так жана макаллакап менен акылман сөзгө көп маани беришет.
Эл ичинде акылман чечен, сөзмөр ж.б айтылып, адамга баа берген сөздөр бар.
Сөз бир мамиле куруу эмес, ал улук, ыйык. Сөздү акылмандык, сулуулук, өнөр көрүшөт.
Азыркы маданияттуу адам сөздү угуп, тыңшап жана андан алымсыз жыйынтык чыгарып, дароо аны аткаруу керек.
Акыл-насыят
«Эр жигит жолго жүрөр жолдош менен,
Карышкыр жолдош болбойт жолборс менен,
Бир жүрбө эсепсиз мал берсе дагы,
Акылы жок – акмак менен, наадан менен».
- * *
«Акылың көп болуп, ачууң аз болсо – зорсуң, Душманың көп болуп, досуң аз болсо – корсуң».
- * *
«Акылың үч жолу кемийт: капалуу болгондо, уктабай жүргөндө, курсак ачканда».
«Акыл үч жолу толот: шат болгондо, уктагандан кийин, курсак тойгондо».
- * *
«Жакшы киши ачык сүйлөйт, Сөз тамырын казып сүйлөйт. Жаман киши сасык сүйлөйт, Өзгөлөрдү басып сүйлөйт. Улама менен бир жүрсөң, Сөз кадырын билесиң. Жакшы менен бир жүрсөң, Эл кадырын билесиң».
- * *
«– Башкы балаа кайдан?
- Кызыл тилден.
- Дүйнөдө эмне кор?
- Оору кор.
- Эрден эрдин неси артык?
- Эптеп айткан сөзү артык».
- * *
«Сүйлөй билбес жамандын сөзү өтпөс бир бычак, сөз билүүчү адамдын ар сөзүндө бир тузак».
- * *
Көчө билбес жамандар
Көчө көлүн өлтүрөр,
Сүйлөй билбес жамандар Сөздү өзүнө келтирер, Сүйлөсө сөздү өлтүрөр». «Баатыр болсоң эл сыйла, Катын болсоң эр сыйла. Дыйкан болсоң жер сыйла, Таяк алсаң кой сыйла. Жүк артмак болсоң төө сыйла, Жөөлүү болсоң ат сыйла. Молдо болсоң кат сыйла, Мүнүшкөр болсоң куш сыйла».
- * *
«Менменсиген жигиттин Жокчулук берет жазасын. Эр сыйлабас катындын Жесирлик берет жазасын».
- * *
«Бапылдаган текени Күн жааганда көрөсүң. Байбиче болгон катынды Эри өлгөндө көрөсүң. Ийменбей өткөн баатырды, Жоо кеткенде көрөсүң. Булбул тилдүү чеченди Бак кеткенде көрөсүң.
Азамат эрдин колунан Мал кеткенде көрөсүң».
- * *
«Мал, пулдуунун жүзү жарык, Барктабасаң көөхар да карып. Билеги жоон бирди жыгат,
Билимдүү баатыр миңди жыгат». * * *
«Тирүү жандын атасы – Күн,
Энеси – Жер, Каны – Суу, Жаны – Аба».
«Ай айланып, жыл жылып, Убакыт өтүп баратат.
Арманы бүтпөй бенденин, Агылтып кемтик жашытат. Аккан дайра түбүндө Агызылбай таш калат. Эки бакыр, бир тукур, Бири-бирин аксатат. Адамзаттан урпакка Мурас дүйнө жер калат».
«Уста менен жакын болсоң – мүйүз кестигин аларсың, ууру менен жакын болсоң – уятка каларсың.
Бөрү менен жакын болсоң – короого чабарсың».
- * *
«Бала атага жете туулат, бир бала атадан өтө туулат, бир бала кийин карай кете туулат».
- * *
«Жалгыз баласы бардын чыгар-чыкпас жаны бар;
Эки баласы бардын – өпкө-боор, жалы бар; Үч баласы бардын – Букарда куту, Короосанда (хоросанда) колу бар». «Калктын зарын зардап өт, Качанкы ырын ырдап өт. Калк көңүлүн чалкытып, Каниет алып жыргап өт. Элдин зарын зардап өт,
Эзелки ырын ырдап өт. Эл көңүлүн чалкытып,
Эргүү алып, жыргап өт».
* * *
«Yлгүсүн алып жакшынын, Yңкүйүп ала болбоңор. Бириңден бириң өөдөсүп, Ыркты бузуп койбоңор. Эрегишип кармашпай, Эрендер журтка карагын.
Элиңден чыккан жакшыны Ардактап сыйлап сактагын. Куйбудан нечен кеп чыгат, Кычыктын сөзүн албагын. Акылың менен ойлонуп,
Асылды ташка урбагын.
Ардактап кыргыз элиңди,
Алдырбагын жериңди, Акылыңа жаттап ал, Айткан насаат кебимди».
- * *
«Мен баймын деп мактанба, Бир жардылык башта бар. Биз көппүз деп мактанба, Ар жалгыздык башта бар».
- * *
«Махабат көз аркылуу,
Акыл сөз аркылуу,
Абийир нээт аркылуу, Турмуш күрөш аркылуу.
Мезгил мүнөт аркылуу сүйлөшөт». «Yч нерсе жайды билбейт:
Жаан билбейт жайды, Бала билбейт жайды, Жаман билбейт жайды».
- * *
«Ынтымагы бар элдин,
Жарыла сүйлөйт чечени.
Ынтымагы жок элдин Жабыла сүйлөйт нечени. Ынтымагы бар элдин Адилет болот улугу.
Ынтымагы жок элдин
Арадан чыгат бузугу».
- * *
«Кышты кудай урарда Күн жылымдап жаз болот. Эрди кудай урарда Элүүсүндө таз болот. Байды кудай урарда Дөөлөтүнө мас болот. Ханды кудай урарда
Өз элине кас болот».
- * *
«Ай тийген тескей муз болот, Алтынды соксо муз болот.
Айда чачын тараган,
Айнекке бетин караган, Алтын көкүл уз болот.
Алтын көкүл уз менен,
Акылман жигит дос болот, Акылман жигит дос менен Акмак урган кас болот. Күн тийбес тескей муз болот, Күмүштү соксо муз болот.
Күндө чачын тараган,
Күзгүгө бетин караган,
Күмүш көкүл уз менен Күйөрман жигит дос болот. Күйөрман жигит дос менен Көөдөнсүз акмак кас болот».
* * *
«Бу жарыкчылыкта үч сооп бар:
Чөлгө кудук казган бир сооп; Өзөнгө көпүрө салган бир сооп;
Жолго тал-терек тиккен бир сооп». * * *
«Чөп чыкпаган жер, жетим.
Элден азган эр, жетим.
Сакчысы жок кен, жетим.
Башчысы жок эл, жетим.
Багы качкан кан, жетим.
Багылбаган мал, жетим.
Кемпири жок чал, жетим.
Кейип турган жан, жетим. Тушабаган сөз, жетим.
Тыңчыкмасыз көп, жетим.
Капастагы куш, жетим.
Кар түшпөсө муз, жетим.
Каралбаса шык, жетим.
Кара далы кыз, жетим.
Булут баскан ай, жетим.
Булагы жок сай, жетим.
Жалгыз өскөн тал, жетим.
Жазда жааган кар, жетим.
Айталбаган тил, жетим.
Байкалбаган пил, жетим».
- * *
«Бир үйдө эки кожоюн болсо – ынтымак болбойт, бир өлкөдө эки өкүмдар болсо – тынчтык болбойт».
- * *
«– Тозок деген эмне?
- Кыйналганы жаныңдын.
- Жиндениш деген эмне?
- Бузулганы каныңдын.
- Өлүм деген эмне?
- Өчкөнү болот жалындын».
- * *
«Адамдын жакшы сапаты: усталык, мергендик, комузчу, ырчы, чынчылдык, тазалык, калыстык, ажатчыл, сабырдуулук, көтөрүмдүүлүк.
Жашынан көнгөн жаман жагы: ууру, ушакчы, кошоматчы, калпычылык, кыянатчы, балиттик, жалкоо, жатактык».
«– Өтө таттуу эмне?
- Сүйүнүч.
- Уудай ачуу эмне?
- Күйүнүч.
- Өтө оор эмне?
- Карылык.
- Эч даба жок эмне?– Өлүм».
- * *
«Инабаттуу болсо – аял көрктүү,
Ак сакалы жарашса – чал көрктүү,
Сүйүктүү болсо – агайын көрктүү,
Үлкөн чамгарактын жанында – очок көрктүү, Жибек чатырдын жиби көрктүү, Өнөгөлүү болсо – бала көрктүү».
- * *
Аким Улукмандан: «Ушунча адептүүлүктү кайдан үйрөндүңүз?» – деп сураптыр. Улукман: «Адепсиздерден үйрөндүм» – деп жооп бериптир.
- * *
«Адамдагы табигый төрт нерсеге – уйкуга, күлкүгө, карылыкка, тамакка токтоо жок;
Төрт нерсеге – көкүрөк акылга, көңүл ойго, эр малга, тил, сөзгө тоюм жок».
- * *
«Yч кайып: Адам качан туулуп, качан өлөрүн билбейт. Кимге тийип, кимди аларын билбейт. Эртең менен туруп, кечке ким менен насиптеш болорун билбейт».
«Осмо кетет, каш калат, Оомат кетет, баш калат.
Суусу кетет, сай калат, Сурмасы кетет, каш калат. Бетеге кетет, бел калат, Бектер кетет, эл калат».
- * *
«Өлүм менен үмүт тең тайлаш, Билим адамды коркутат, Бири ар-намысын курчутат».
«Өсөөр элдин балдары бири-бирине дос болот, Өспөс элдин балдары бири-бирине кас болот».
- * *
«Төрт нерсе адамды кушубак кылат:
Биринчиси – дил тазалыгы;
Экинчиси – ниеттин актыгы; Үчүнчүсү – колу ачыктык; Төртүнчүсү – ыймандуу адилдик».
- * *
«Төрт нерсе таалайлуулук далили:
Биринчиси – туура сөз;
Экинчиси – ак ниет сыйлоо;
Үчүнчүсү – адал эмгеги менен тапкан мээнет; Төртүнчүсү – сырды купуя сактай билүү».
- * *
«Төрт нерсе адамды алсыз кылат:
Биринчиси – душмандын көптүгү;
Экинчиси – карыздын көптүгү;
Үчүнчүсү – катындын көптүгү;
Төртүнчүсү – сеп берилбес кызга үйлөнгөндө».
- * *
«Дүйнөдө эки гана түрдүү адам пайдасыз аракет кылып, бөөдө жапа чегет: Биринчиси – өмүр бою өлө-тала жүгүрүп, итче тырышып, өзү дүнүйө-мүлк жыйнаганы
менен андан өзү тиш кыйбайт;
Экинчиси – көпкө убара чегип өнөр үйрөтөт, бирок ачкадан өлүп бара жатса дагы ал өнөрүн эч бир пайдалуу ишке колдонбойт».
- * *
«Арасы күмүш болбосо, Күн тийген тоодо не пайда. Күйүп-бышар болбосо Жыйганың жылас бу жайда. Ар-намысты билбеген Тууганыңдан не пайда».
- * *
«Баатыр болуп бай болсоң – бүрдөп турган терексиң, Баатыр болуп жок болсоң – үрүп чыккан серексиң».
- * *
«Yйүңдө үч дөө: улагаңда уулуң дөө; керегеңде келиниң дөө; капшытыңда катының дөө».
- * *
«Адамда төрт кесел бар: Кесел – жатак жалкоолук, Кесел – ууру кылгандык.
Кесел – айтып убададан айныгандык. Аялы жаман – кесел».
- * *
«Yй-бүлөдө төрт сапат бар:
Уул жакшысы – урмат, Келин жакшысы – кенч,
Кыз жакшысы – күлазык. Аял жакшысы – артык».
- * *
«Тулпарды тогунда сынаба, ачында сына, Ай-ааламдагы элдердин кашында сына.
Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына.
Канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына».
- * *
«Адамдын кымбаты сөз менен, Аштын даамы туз менен. Жылдыздын көркү түн менен, Жылдын көркү күн менен».
- * *
«Айттырбай иштеген – арстан, Айтканды бүтүргөн – адам, Көрсөткөндү бүтүрбөгөн – эшек».
- * *
«Жакшылыкка жакшылык ар кишинин ишидир, Жакшылыкка жамандык көр кишинин ишидир. Жамандыкка жакшылык эр кишинин ишидир, Жамандыкка жамандык кем кишинин ишидир».
- * *
«Жеңилип көрбөсөң, жеңе албайсың, Эңилип көрбөсөң, эңе албайсың.
Сөгүнүп көрбөсөң, сөгө албайсың, Төгүлүп көрбөсөң, толтура албайсың. Бөлүнүп көрбөсөң, бириге албайсың, Өлүп көрбөсөң, тириле албайсың».
- * *
«Жыгачты кессең узун кес, кыскартыш оңой иш; Темирди кессең кыска кес, узартышы оңой иш; Көйнөк бычсаң – кенен быч, кичиртиши оңой иш».
- * *
«Ийгилик жүрөк аркылуу келет, анын башкы сыры – берешендикте.
Кырсык эки көз аркылуу келет, анын башкы сыры – ач көздүктө».
- * *
«Көлдө жүргөн коңур каз, чөлдүн баркын билеби.
Чөлдө жүргөн музоо баш, көлдүн баркын билеби.
Атасы топко кирбеген, сөздүн баркын билеби».
- * *
«Напсиге эрк менен,
Калкыңа ынсап менен,
Улууга кызмат менен,
Кичүүгө шапат менен,
Бакырга жоомарттык менен,
Дос-жаранга насаат менен,
Душманга чыдам менен,
Нааданга сүкүт менен,
Аалымга таазим менен тирлигиң кыл».
- * *
«Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден. Талантка таамай сын берер, Тараза болот эл деген».
- * *
«Бакыт – бир тамшам, Өмүр – көз ирмем, Yмүт – бир тамчы».
- * *
«Акыл-эсиң болсо, кыргызда бир улук, эки бийик, үч күлүк, төрт ыйык, төрт ысык, төрт таттуу, төрт ачуу, төрт досуң, төрт касың, токсон тообу бар. Ушуну көкүрөккө түй.
Бир улук – Көкө Теңир. Эки бийик – Ата Журт менен эл. Yч күлүк – мезгил, ой, жел. Төрт ыйык – суу, от, нан, туз. Төрт ысык – ата-эне, аялы, бала, мал-кели, очок. Төрт таттуу – өмүр, үмүт, чындык, ынтымак». Төрт ачуу – өлүм, оору, жоктук, карылык. Төрт дос – акыл, билим, абийир, эмгек. Төрт кас – жалкоолук, ач көздүк, уурулук, кошоматчылык».
- * *
«Баатыры миң болгон, бийи бир болгон эл – эл болот. Бийи миң, баатыры бир болгон эл – эл болбойт».
- * *
«Ат кубаты жол менен,
Адамдын күчү мал менен,
Аарынын күчү бал менен,
Булуттун күчү жел менен,
Буудандын күчү тер менен, Улуктун күчү эл менен».
- * *
«Yйүм-үйүм дебегин, Yйүң талаа чымчыгы.
Малым-малым дебегин, Малың талаа чымчыгы».
- * *
«Акылың көп болуп, ачууң аз болсо – зор болорсуң, Душманың көп болуп, досуң аз болсо – кор болорсуң». «Чын жакшынын ачуусу бар – кеги жок, Даанышмандын курбусу көп – теңи жок».
- * *
«Асыл болсоң күндөй бол, Балбан болсоң, жердей бол.
Таза болсоң суудай бол.
Улукман болсоң желдей бол. Катардан озгон эрен бол, Көл түбүндөй терең бол. Улуу журттун башы бол, Акылгөйдүн кени бол.
Билектүүдөн күчтүү бол, Баатыр болсоң жөлөк бол, Баарыбызга өбөк бол.
Досуңа эдил бол, Калкыңа адал бол.
Акылчы бол, даана бол, Калкыңа камкор паана бол».
«Алты аскар: акыл, билим, жоомарттык, чынчылдык, кең пейилдик, адилеттик».
- * *
«Жети жетекчи: Адамдын башчысы – акыл,
Жетекчиси – талап,
Жолоочусу – ой,
Жолдошу – кесип,
Коргону – сабыр,
Коргоочусу – мүнөз, Сыноочусу – калк».
«Жети жут: Кургакчылык, жут (мал кырылуу), өрт, чума оорусу, согуш, топон суу, жер титирөө».
- * *
Беш осуят: Акмакка ишенбе,
Душманыңа ишенбе, Дайыма сак бол.
Ач үйгө конбо.
Кедейден сый алба.
- * *
«Алты ийгилик: ден соолук, казына, дос, аял (жар), билим, тукум.
- * *
«Мына бул жакшы сапаттар бактылуу-талайлуу кылат: уяттуулук, адамкерчилик, кичипейилдик, эмгекчилдик, намыскөйлүк, аманатка жакшылык кылуу, адилеттик».
- * *
«Ал эми бул жаман сапат балакетке жетелейт: кызганчактык, сараңдык, текебердик, жалганчылык, чыгымчылык, кыянатчылык, жалкоолук, адепсиздик».
- * *
«Мээнеткеч, мээримдүү элге Ынтымак, ырыс өзү келет.
Бакыт, дөөлөт кең берет,
Элге, жерге каниет себет, Кары-жашка тең берет.
Ата ордуна бала келет,
Эрегишкен жоосун жеңет,
Эрден элге жакшылык берет, Эр өмүрү эл өмүрүнө кетет.
Жигиттери жигердүү,
Келини келбеттүү, Кызы жылдыздуу, Карысы акылман келет.
Мал-жанга береке кирет,
Өзгө сырдуу, жатка чыгаша берет.
Акыйкат, бардар заман келет
Мээнет баскан, ыйманы аз элге Ынтымак, ырыс өтө качат. Бакыт, дөөлөт тескери басат, Элин, жерин кара басат. Бала атасын сатат.
Жоосу төбөсүн басат, Эрден кайрат качат, Жерден береке качат. Жигиттен айбат, Келинден келбет качат.
Кыздардан жылдыз, Карыядан кусур качат.
Малга жанын дарт басат, Өздөн сабыр качат
Акыйкат заман качат».
- * *
«Кары да бол, жаш да бол, Кадырлашкын тирүүңдө.
Калат бир күн алтын баш, Казылган көрдүн түбүндө».
- * *
«Акмактын досу көп, Пияздын кабыгы көп. Иттин бажасы көп, Арчанын ачасы көп».
«Алтын ээр ак кабак, Атка жайы болбосо, Алтынын алып отко жак. Аяшар тууган болбосо, Акырын сүйлөп жатка жак».
«Аргымак күлүк ойнотуп, мингениңе мас болбо, Алтын жака асыл тон, кийгениңе мас болбо, Акыл бар деп көп сөздү, билгениңе мас болбо».
«Атың арык болсо бир чап, Отунуң аз болсо бир жак. Ашың аз болсо бир сал».
- * *
«Төрт нерсе акмакчылык деп аталат:
Биринчиси – өзү тирүү туруп өзүнө айкел, күмбөз тургузуп текеберленип мактануу;
Экинчиси – бөтөндөрдүн айыбын издөө. Үчүнчүсү – бакылдык, зыкымдык, күнүлүк кылуу; Төртүнчүсү – арам нерселерден үмүтүн үзбөө».
«Жарыңды гүл арасынан тап, Багыңды эл арасынан тап, Балаңды эл арасына бак».
- * *
«Жаманга дөөлөт келгенде Көтөрө албай мас болот.
Жакшыга дөөлөт келгенде Бечара сыпаа пас болот».
- * *
«Жорго минип кылтылдап, Жибек кийип жылтылдап, Сен да өтөсүң дүйнөдөн.
Эшек минип эпеңдеп, Таар кийип тепеңдеп Мен да өтөмүн дүйнөдөн».
- * *
«Айтылган сөз – аткан ок, Айтылган соң кайрылбас. Калган көңүл – качкан куш, Кайгырган менен табылбас. Өткөн өмүр – өчкөн от Өкүнгөн менен жагылбас».
«Аттын баары тулпар болбос, Куштун баары шумкар болбос. Өзү мерес, катуу адамдын Кишиге айтар назы болбос.
Жаман киши малга тойбос, Жамандыгын асты койбос».
- * *
«Карыганда катын жоо, баркыңды билбейт белең жоо, кылыгың жакпайт кызың жоо, кебиң жакпайт келин жоо, туурадан чыккан тууган жоо, ошолордун ичинде кантип болот дениң соо».
- * *
«Така туякты сактайт,
Туяк тулпарды сактайт, Тулпар эрди сактайт, Эр элди сактайт».
- * *
«Бетеге кетет, бел калат, Бектер кетет, эл калат.
Осмо кетет, каш калат, Оомат кетет, баш калат».
- * *
«Аргымактын жакшысы
Азыраак оттоп, көп жуушайт.
Азаматтын жакшысы
Азыраак сүйлөп, көп тыңшайт».
- * *
«Күлүктү күлүк дебе минбеген соң, Асылды асыл дебе кийбеген соң, Сулууга суктанбагын сүйбөгөн соң.
Жаманга жалынбагын билбеген соң, Пайдасы кысылганда тийбеген соң».
- * *
«Туурунан качкан шумкар оңбос,
Yйүрүнөн адашкан тулпар оңбос,
Көлүнөн безген каз оңбос,
Төрүнөн безген кыз оңбос, Элинен безген эр оңбос».
- * *
«Бул дүйнөдө не карып?
Айтылбаган сөз карып, Каз, өрдөгү болбосо, Айдың чалкар көл карып. Улук адил болбосо, Убара болот эл карып».
- * *
«– Бу жалганда эмне өлбөйт?
- Кагазга түшкөн сөз өлбөйт, жакшынын сөзү менен өзү өлбөйт.
- Эмнеге айла бар, эмнеге айла жок?
- Өлгөндү аруу жууп, ак кепиндеп көөмп койсо, айласы табылганы. Өтө жаманга айла жок.
- Кандай адам бай болот?
- Yйүнө кут түшкөн, пейли кенен, колу ачык, тукуму өскөн адам бай болот.
- Эркек деген ким, аял деген ким?
- Эркек – үрөн, аял – жер.
- Бул дүйнөдө ким карып?
- Ынтымагы жок эл карып.
- Кубаныч эмне, кайгы эмне?
- Балалуу болуу – кубаныч. Анын учуп кетиши – кайгы.
- Душман менен туугандын айырмасы кандай?
- Дүбүр сөз – душман, так айтылган ачык сөз – тууган.
- Бул жалганда эмне семиз?
- Суудан семиз эч нерсе жок.
- Бу дүйнөдө не кордук, не олжо?
- Отун – олжо, суу – кордук.
- Өлүү менен тирүүлүктүн айырмасы кандай?
- Тирүү жүрүп, өлүк болгон адам, өлүү болуп тирүү жүргөн адам бар. Жакшы атты жоготуп коюу оңой, аны асырап алуу кыйын».
- * *
«– Жер сиңип кеткен – жети Атан. Ал Эмне?
Жерди жемире баскан – чал Буура. Ал эмне?
- Жер сиңип кеткен жети Атан – Жети атабыз эмеспи.
- Жерди жемире баскан чал Буура – Түпкү атабыз эмеспи».
- * *
«– Тирүү жандын атасы ким? Энеси ким? Каны кайсы? Жаны кайсы?
- Тирүү жандын атасы – Күн. Энеси – Жер. Каны – Суу. Жаны – Аба».
«Баланы жоктон бар кылган Ата-Эне да ушундай:
Күн болуп нур берет.
Жер болуп эмчек эмизет. Суу болуп кан жүргүзөт,
Аба болуп жан киргизет».
«– Асман менен Жердин арасы канчалык?
Калп менен чындын ортосу канчалык?
- Асман менен Жердин арасы каш менен кабактын ортосундай. Каш көтөрүп өйдө карасаң – асман. Кабак түшүрүп ылдый карасаң – жер.
Калп менен чындын ортосу төрт эли. Кулак менен укса – калп, көз менен көрсө – чын».
* * *
«– Кордук деген эмне? Муңдук деген эмне? Зардык деген эмне?
- Кордук деген оору. Муңдук деген өлүм. Зардык деген жокчулук».
* * *
«– Дүйнөдө эмне таттуу? Эмне катуу? Эмне оор?
- Дүйнөдө балдан ширин – алган жар. Таштан катуу – жокчулук. Чын убада – ашкан оорчулук».
* * *
«– Бул дүйнөдө оордун оору эмне? Жеңилдин жеңили кайсы? Жакындын жакыны кайсы?
- Бул дүйнөдө оордун оору – жокчулук. Жеңилдин жеңили – мамиле. Жакындын жакыны – жар болот».
* * *
«Төрт нерсе дайыма кемелине келген эркекке көрк берет:
Биринчи – достор менен көңүл ачууда жөнөкөй болуу; Экинчиси – душман менен тирешүүдө тоготпой коюу; Үчүнчүсү – үп каптаган ысык абага чыдай билүү; Төртүнчүсү – туюусуз уккан ачуу сөзгө бардыш берүү».
«Эки нерсе адамды төрт нерсеге жеткирет: Сүкүт тартуу – ден соолук алып келет;
Жакшылык кылуу – даңазага алып келет; Кайрымдуулук кылуу– улуулук алып келет;
Болгонго шүгүр кылуу – касиеттүүлүк келтирет».
«Төрт нерсени артка кайтарып болбойт;
Биринчиси – айтылган сөздү;
Экинчиси – өткөн ишти; Үчүнчүсү – атылган окту;
Төртүнчүсү – өткөн өмүрдү».
«Ден соолуктун саламатчылыгы үч нерседен билинет:
Биринчиси – Жараткандын берген өмүрүнө ыразы болуудан;
Экинчиси – дин каадаларын таза аткара билүүдөн;
Үчүнчүсү – бирөөнүн дилин оорутуудан оолак болуудан».
«Төрт нерсе эки ааламдын (дүйнөнүн) таалайы жана түбөлүктүү асыл мурасы деп саналат.
Биринчиси – Жаратканга, Теңирге бой сунуу;
Экинчиси – ата-энени ыразы кылуу;
Үчүнчүсү – даанышман, ааламга кызмат кылуу;
Төртүнчүсү – Жараткандын жараткандарына ыраазы болуу».
- * *
«Төрт нерседен этият болуп, өзүн тыя жүрүү керек. Биринчиси – өтө шашма, алабарман, тездиктен;
Экинчиси – орунсуз, жөнү жок каар-казаптануудан;
Үчүнчүсү – ичи тардык, зыкымдык, көрө албас, күнүлүктөн;
Төртүнчүсү – мактанчаактык, текеберликтен».
- * *
«– Yч арсыз, беш кайып, булар эмнелер?
- Yч арсыз: уйку, күлкү, тамак. Буларда ар жок. Беш кайып: насип кайып, кырсык кайып, дидар кайып, нике кайып, ажал кайып».
«– Жаз деген эмне? Жай деген эмне? Күз деген эмне? Кыш деген эмне?
- Жаз – аракет. Жай – береке. Күз – киреше. Кыш – чыгаша».
«– Ар кимдин өмүрлүк досу ким болот? Өмүрлүк өжөр душманы ким болот?
- Ар адамдын өмүрлүк досу – сабыр, душманы – ачуу».
* * *
«– Ат кумары не болот? Эр кумары не болот?
- Ат кумары – арпа менен туз болот. Эр кумары – алман жайган кыраан куш, кара көз сулуу кыз болот».
* * *
«– Адамда байлык канча? – Биринчи байлык – ден соолук. Экинчи байлык – ак жолук. Yчүнчү байлык – бар соолук».
«– Барды мээнет чырмаса эмне болот? Ырысты мээнет чырмаса эмне болот?
- Барды мээнет чырмаса – алды-алдынан чачылат. Ырысты мээнет чырмаса – бир-бирине асылат».
- * *«– Адамдын нече түрү бар? – Адамдын төрт түрү бар:
Билбегенин билбеген адам,
Билбегенин билген адам,
Билгенин билбеген адам, Билгенин билген адам».
- * *
«– Адамда канча түрдүү кулак болот?
- Адамда үч түрдүү кулак болот: таш кулак, акма кулак, куйма кулак.
Таш кулакка сөз кирбейт, катуу болот. Айтканды укпайт, укканды айтып бере албайт.
Экинчиси – акма кулак. Айтылган сөз кулагынан түшүп калат. Анча-мынча жубуру гана калат.
Yчүнчүсү – куйма кулак. Айтылгандарды бүт тыңшап угат. Чар-чурун элеп таштап, нукура данын пайдаланат. Мындайга айтылган сөз талаада калбайт. Эмгегиң жанат. Баягынын айтканы деп атыңды даңазалайт. Сөздү элден үйрөнөт, куйма кулакка сөз үйүлөт. Түгөнбөс кана болот, чачкан сайын кайра толот».
* * * «– Эмне жок?
- Өгүздө сүт жок. Мүйүздө кыт жок. Мөңгүдө жыт жок. Жыланда бут жок. Жылкыда өт жок. Ташта тамыр жок. Таш бакада арым жок. Куланда жал жок. Кууда кал жок. Калпта жан жок. Аюуда кашка жок. Токто ачка жок. Желде түр жок. Жумурткада кыр жок. Балыкта үн жок. Yкүдө күн жок».
«– Эмне улук?
- Адам улук, жан улук. Жашоо улук, күн улук. Жан-жаныбар бүт улук. Жарык улук, От улук. Ордо күткөн журт улук. Төшү түктүү жер улук. Төбөсү ачык көк улук. Ай-ааламды кыдырып кезип турган жел улук. Сөөгүңдү ысытып эзип турган бала улук. Топондоп барып агызып, тазалап турган сел улук. Төбөңдү көккө жеткизген туу чокулуу бел улук».
- * *
«Аргымак күлүк ойнотуп Мингениңе мас болбо. Алтын жака асыл тон Кийгениңе мас болбо. Акыл бар деп көп сөздү Билгениңе мас болбо».
- * *
Кыргыз-кыргыз болгону Кылымда ала болбогон. Ымыз болсок арадан Ырыс кетип эл-журттан. Ара иш болсо эп болуп, Бүтүшөлү кеп менен. Аламандан ага кууп, Бөгүнбөйлү чыр менен. Эл башкарчу бийликти Элден тандап коёлу. Ар баш болуп бөлүнбөй Хан алдында бололу.
Үч шерик:
Айныбас адам жубайы.
Астындагы аты.
Жандай көргөн жан досу. Башына кыйын иш түшсө, Сен үчүн жан кыяры.
Үч асыл мүнөз:
Чынчыл болсоң кол жетпес, Бийик өскөн чынарсың. Адам болсоң айныбай Турмушуңа кумарсың. Адил болсоң калкыңа Калыс бийлик кыларсың.
Үч касиет:
Аш – өмүрдүн гүлазыгы, Тиричиликке жан берген.
Суу – өмүрдүн булагы, Тамчысы чөлгө кан берген. От – өмүрдүн өзөгү, Жалыны тийсе эриген.
Тогуз жоо: Биринчи жооң – жалкоолук,
Кайнатуучу шоруңду, Андан кийин аңкоолук, Агызат бир күн каныңды. Жатып алсаң ууру алат, Короодогу малыңды. Жалаткысбас жашыктык Оозуңдагы балыңды. Жалган айтсаң жалпактап, Жоготконуң арыңды.
Сөз ташысаң ушактап, Кыйнаганың жаныңды.
Төшүңдү каксаң мактанып, Кетиргениң баркыңды. Көрүнгөнгө бүгүлсөң Боло албайсың жагымдуу. Алдаган менен бирөөнү Ача албайсың багыңды.
- * *
Жакшы сапат:
«Уяттуулук, адамкерчилик, кичипейилдик, эмгекчилдик, намыскөйлүк, аманатка жакшылык кылуу, адилеттик».
Жаман сапат:
«Кызганчаактык, сараңдык, текеберчилик, жалганчылык, чагымчылдык, кыянатчылык, жалкоолук, бейадептик».
- * *
«Өзүн жупуну кармаганга кудай утуру карайт.
Рух дүйнөсү бай адам – улгайган сайын көрөгөч. Байлык менен жашаган адам – аң-сезими пас адам. Ал барган сайын көкүрөгүн май басып, тамак, кийим, дүнүйө, мүлк менен алек.
Карылыкка жетип, касиетке жетпеген жаман.
Адамдын денеси – тамакка, жарыкка, жылуулукка, эс алууга муктаж. Адамдын жаны пейилге, ыйманга, ысапка, адепке, ылхамга, эргүүгө, сүйүүгө, кудайга муктаж.
Күнөө – тажрыйбалуу шимшүүр, ал сени кайда жүрсөң да табат».
«Түркөйлүктүн жети адаты:
Ар нерсеге айлануусу,
Сыналбаган адамга ишенүүсү,
Дос-душманды ажырата билбөөсү,
Сырын ар кимге айта берүүсү,
Акылсыз, наадан адамдардын кеңештерине кулак салуусу,
Беймаани сөздөрдү көп сүйлөөсү,
Ылайык келбеген адамдарга жардамдашуусу».
- * *
«Үч нерсе: жаман кошуна, акылы жок перзент жана ит кыял, ичи тар зайып адамдын көңүлүн чөгөт кылып, бейпил тириликти иритет».
- * *
«Чыныгы адам акаарат сөз айтпайт. Какшыкчыл, каргышчыл же аңкоо болбойт».
- * *
«Бу дүйнөдө ким күлүк? Өтүп жаткан күн күлүк.
Уч-кыйры жок ой күлүк
Желип жорткон жел күлүк. Бу дүйнөдө эмне жаман?
Бирдиги жок эл жаман,
Энеси жок кыз жаман,
Үлгүсүз бычкан иш жаман,
Төрөсү жок эл жаман,
Уул-кызсыз белгисиз кеткен эр жаман,
Кочкору жок кой жаман,
Токсонго чыгып тоголонгон чал жаман».
* * *
«Сага өмүр багыштаган ата-энеңди, анан дагы ар дайым сага жардам берип, өмүрүңдү сактоочу жандарды урмат кылгын, алардын ызатын жана урматын дайыма актай билгин.
Ага-ини, эже-сиңди, тууган-урук жана дос-жолдошторуңа мээримдүүлүк жана кайрымдуулук жиби менен байлангын.
Мекендин чыныгы акыйкатчыл перзенти болгун. Мекенге жана элге ак кызмат кылып, олжого тундур.
Жаштыгыңды, жакшы сапатыңды, ден соолугуңду, дилиңди, абийириңди, намысыңды таза кармап, дилиңди нурданткын.
Үйлөнүүнү кааласаң кайрымдуу, мээримдүү, дени соо, дили таза, ыймандуу, кең пейил, бардык жагынан мыкты сапаттарга ээ кызды танда.
Күчүң, чама-чаркың жеткен убакта дароо үйлөн. Үй- бүлө түзүп, кут койгон үйдү даярдагын.
Үй-бүлөнүн бүтүндөй байлыгын жана адеп-ахлак жагынан муктаждыктарын камсыздандырууга умтул, тырышчаак болгун.
Перзенттериңди тек гана өзүң үчүн эмес, Мекениң, калкың үчүн, анан дагы жаамы инсаният үчүн тарбиялагын…»
* * *
Билип жүр:
«Өлүмдөн мурда тирүүлүгүңдү;
Сыркоолугуңдан мурда саламаттыгыңды;
Иштен мурда бош убактыңды; Карылыгыңдан мурда жаштыгыңды; Жакырдыгыңдан мурда байлыгыңды».
«Адамдын бактысын төрт нерседен: татыктуу аялдан, балдарынан, жакшы жолдошторунан, мекен үлүшүнө ээлигининен сезүүсү.
Илгертен элибиз кудайдан үч нерсени – ден соолукту, кубаттуулукту жана коопсуздукту сурашчу».
«Эң берешен: Кимдир бирөөгө белек берип, ошонусуна сүйүнгөн адам.
Бул ааламда адам үчүн өмүрдөн артык: ишеним, сүйүү жана Мекен!»
- * *
«Биз эч качан ээ боло албаган нерсе: ден соолук, чындык, бакыт жана кыйышпас дос».
- * *
«Эр жигит казатта сыналат.
Дыйкан үрөн сээп, жыйнап-оруп алуудан сыналат.
Дөөлөттүүнүн колу ачык, ак көңүл берешендикте сыналат.
Тууган-урук бактысыздык башка келгенде сыналат.
Дос-тамырлар иш түшкөндө сыналат.
Өкүмдар каарына келгенде сыналат».
- * *
«Карызды кайтарган адам – тобо кылган адам.
Дүйнөгө күнөө аял аркылуу келген, күнөөдөн кутулуу да аял аркылуу болот.
Сүйлөсөң жүрөктөн сүйлө, болбосо жүрөктү кор кылба. Жылуу сөз аязды ысытат, суук сөз ысыкты муздатат.
Ак пейилдүүлүк – адамдын артыкчылык белгиси.
Адам – кудайдын көз алдында турган нерсе.
Корксоң айтпа, айта алсаң – коркпо.
Өзүңдү көргүң келсе, касыңдын көзү менен кара.
Адилеттүүлүк – чындыктын энеси, бешене белгиси, адамдын бетиндеги нур.
Жакыныңдан алган жараат, баарынан жаман оорутат.
Эгер уусунун дарылыгын билсе, жылан чакмак эмес да, уусун чыгымдабай, үнөмдөп чакмак».
- * *
«Ар кимдин өмүрлүк досу ким болот?
Өмүрлүк өжөр душманы ким болот?
Ар адамдын өмүрлүк досу – сабыр, душманы – ачуу».
- * *
– Ат кумары не болот? Эр кумары не болот? – Ат кумарын сурасаң Арпа менен туз болот.
Эр кумарын сурасаң Алман жайган, кыраан куш, Кара көз сулуу кыз болот.
* * *
Асыл болсоң күндөй бол Ааламга жарык нур берген. Жакшы болсоң жердей бол Баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол
Баарын жууп кетирген.
Улукман болсоң желдей бол Ушунча жанга дем берген. Баланы жоктон бар кылган Ата-эне да ушундай:
Күн болуп нур берет,
Жер болуп эмчек эмизет, Суу болуп кан жүргүзөт, Аба болуп жан киргизет.
- * *
«Балапандуу казга куш шилтеген мүнүшкөр акмак, балалуу катынга камчы үйүргөн эркек акмак».
- * *
«Дүйнө – улуу жол, Заман – соккон жел».
- * *
«Алдыдагы толкун – агалар, Арттагы толкун – инилер, Кезек менен өнүгөр.
Ошентсе да
Баштагыдай көрүнөр».
- * *
Беш кайып: насип кайып, кырсык кайып, дидар кайып, нике кайып, ажал кайып.
- * *
Оору – кордук, Өкүм – муңдук, Жокчулук – зардык.
- * *
«Накыл кайдан чыгат ой болбосо, Килем кайдан чыгат кой болбосо».
- * *
«Арпа-буудай аш экен,
Алтын-күмүш таш экен».
- * *
«Тубар болсо – тон болор, Буудай болсо – ун болор».
- * *
«Самандын башы – сары алтын Жыгачтын бою – жык алтын».
- * *
«Эгин өссө кырман табылар, Канаттуу көбөйсө ормон табылар».
- * *
«Элде жүргөн эл тааныр, Кырда жүргөн жер тааныр».
- * *
«Кара жерге кар жааса Карды көрмөк бир мурат. Кара жерден кар кетсе Жазды көрмөк бир мурат».
- * *
«Аштык сепмек – кол чапмак,
Орок ормок – ойномок, Тегирмен тартмак – от жакмак».
- Татыксыз достон кантип кутулам?
- Биринчиден, ага басып барба. Экинчиден, ишин сураба. Үчүнчүдөн, жардамга чакырба.
* * *
Ата-баба накылы: «Оорулуу адамдарга өз атадай жардам көрсөт: кокус өзүң ооруп калсаң, алар сага өз баласындай жардамын көрсөтөт.
Чагым сөзгө ишенип, өзүңдүн жакын көргөн кишиңди жектебе. Себеби сага жеткен ушак кыска болсо узарып, түз болсо ийрейип кете турганын унутпа.
Душманымдан кегимди алчумун деп, анын досторуна жамандык кылба. Болбосо, уй сүздү эле деп музоону өлтүргөн наадандан бетер болуп каласың.
Кол куушуруп, алдыда түшүп келген душмандан сак бол. Балыкты кармаш үчүн кайырмактын учуна жем илинерин унутпа.
Кемчилигиңди айткан адамды жаман көрбө. Ал жуккан, көөнү сүрткөн күзгү болот.
Өзүңдүн татынакай кийимиңди чанып, башка улуттун кийимине качырба. Болбосо, же жатка, же өзгө окшошпой, же аялга же эркекке кошулбай, эки ортодо каласың.
Өзүң жогоруласаң, өзүңдөн төмөнкү, жолдошторуңду таштаба. Кокус ооруп калсаң жогоркулардан мурда төмөнкү жолдошторуң каралашат.
Алдуулар алсызды эзип жатса, ошол маалда ажонун ширин уйкусу арам болот.
Чириген уруктан таза мөмө чыгат.
Жүгү жеңил болгондор батыраак жүрөт.
Эң биринчи өзүң кайрымдуу бол, андан кийин Алладан кайрымдуулук күт.
Өз кемчилигиңди душманыңдан ук, себеби досуңдун көз алдында кылганыңдан баарысы жакшы баш берет.
Жолунан адашкан адамга «туура эле баратасың» деп айтуу өтө чоң зулумдук.
Чындыкты сүйгөндөрдүн жүрөгү да күчтүү болот.
Канчалык күчсүз болсо болсун, душмандардын дос бойдон калышы дагы жакшыраак.
Көңүлүңдүн түшүүсүн каалабасаң, көңүлү түшкөндөрдү унутпа».
- * *
«Калкыңа карап таш ыргытпа.
Кейпи жаман деп адамды айыптаба.
Көзү өткөндү жамандаба.
Адамды каратып коюп тамак жебе.
Колуңду силкпей сүйлө.
Эл көзүнчө какырынба, түкүрүнбө».
- * *
–«Карыларга кандай нарк керек?
Билим менен токтоолук».
- * *
«Үч каргыш жаза кетпейт:
– Ата-эненин каргышы, Мусапырдын каргышы,
Жаны ачыган адамдын каргышы».
* * *
«Жаның барда жашып өмүр сүрбө, Жакшы жалындуу өмүр сүр».
«Керилгенге керилбе Керексиз сөзгө семирбе».
«Салабаттуу карынын Санаган сөзү сары алтын».
«Билимдүүнүн билими жугат Акылдуунун акылы жугат».
«Баатырдын сүрү маңдайда Чечендин көркү таңдайда».
«Кеп узак жашоодо эмес Ынтымак, кызык жашоодо».
«Ал ар жерде болот түнөөсү. Көтөрүлүп көп сүйлөп, Көйрөң келет мүнөзү. Көпкөндүгүн түк билбейт, Көрүнүп турса күнөөсү».
- * *
«Жыланды чакпайт дебе Жылкыны теппейт дебе».
- * *
«Төшөктөн үрккөн эр жаман
Көнөктөн үрккөн бээ жаман».
- * *
«Ак тулпар, күлүкмүн деп мактанба, Астыңда казган оруң бар. Ак шумкар, учкулмун деп мактанба, Астыңда казган оруң бар».
- * *
«Аталаштан алтоо болсоң да, А дешпесең кас болот. Энелештен экөө болсоң да, Ээ дешпесең жат болот».
- * *
«Жакшыны сөзүнөн тааны, Жаманды көзүнөн тааны. Жакшынын сөзү шар, Жамандын көзү кар».
- * *
«Улама менен бир жүрсөң, Сөз кадырын билесиң. Жакшы менен бир жүрсөң, Эл кадырын билесиң».
«Адам аласынан Сөз аласы жаман».
«Бекерчиден безе кач,
Ушакчыдан көчө кач».
«Көздүн көргөнүнөн, кулактын укканы көп. Акылдууга акыл айтсаң, алкыш аласың, Акылсызга акыл айтсаң шылдыңга каласың».
«Бармактай алтының болгончо, Тырмактай акылың болсун».
«Байдын кулу болгончо, Байкуштун уулу бол». «Кулактан кирген суук сөз, Жүрөккө жетип муз болот».
Акылдуу жыйырма жашта башмын дейт, Акылсыз элүү жашта жашмын дейт. Абалкы кебиң ырас болсо Кийинки кебиңдин өтүмү жакшы. Жүктүн оорун нар көтөрөр, Сөздүн оорун эр көтөрөр».
«Ар кимдин өмүрлүк досу – сабыр.
Ар кимдин өмүрлүк душманы – ачуу».
«Ааламдын көркүн көз ачат, Адамдын көркүн сөз ачат».
«Адам аласынан сөз аласы жаман, От чыласынан сөз чыласы жаман».
«Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
Эмне ток?
Жамгыр жааса – жер ток, Эгин эксе – эл ток.
Булак акса – көл ток, Эмгек этсе – эл ток.
Эгиндин кандайлыгы – чардан,
Кыштын кандайлыгы – кардан, Күндүн кандайлыгы – таңдан, Кептин кандайлыгы – тилден. Эл агасыз болбойт, Суу жакасыз болбойт».
«Эрке бала жаңы кийимге сүйүнөт, Жетим бала тойгонуна сүйүнөт.
Бир жүрөккө эки сүйүү сыйбайт, Жакшыга жанашсаң, максатыңа жетесиң. «Жаманга жанашсаң, адашып кетесиң».
- * *
«Жалкоонун үйүндө отун жок,
Соргоктун үйүндө тамак жок».
- * *
«Жаман киши ичкен-жегенин айтат,
Жакшы киши уккан-көргөнүн айтат.
Атаң өлсө, агаң ата, Энең өлсө – эжең апа».
- * *
Сага өмүр багыштаган ата-энеңди, анан дагы ар дайым сага жардам берип, өмүрүңдү сактоочу жандарды урмат кылгын, алардын ызатын жана урматын дайыма актай билгин.
Ага-ини, эже-сиңди, тууган-урук жана дос-жолдошторуңа мээримдүүлүк жана кайрымдуулук жиби менен байлангын.
Мекендин чыныгы акыйкатчыл перзенти болгун. Мекенге жана элге ак кызмат кылып, олжого тундур.
Жаштыгыңды, жакшы сапатыңды, ден соолугуңду, дилиңди, абийириңди, намысыңды таза кармап, дилиңди нурданткын.
Үйлөнүүнү кааласаң кайрымдуу, мээримдүү, дени соо, дили таза, ыймандуу, кең пейил, бардык жагынан мыкты сапаттарга ээ кызды танда.
Күчүң, чама-чаркың жеткен убакта дароо үйлөн. Үйбүлө түзүп, кут конгон үйдү даярдагын.
Үй-бүлөнүн бүтүндөй байлыгын жана адеп-ахлак жагынан муктаждыктарын камсыздандырууга умтул, тырышчаак болгун.
Перзенттериңди тек гана өзүң үчүн эмес, Мекениң, калкың үчүн, анан дагы жаамы инсаният үчүн тарбиялагын…
* * *
Кутмандуу Кыргыз атадан собол. Эки жүздүүлүктүн белгисин калп сүйлөөдөн, убадасынын аягына чыкпоодон, аманатка кыянаттык кылуудан билип туруусу.
Беш нерседен мурда беш нерсени каниет деп бил:
Өмүрдөн мурда тирүүлүгүндү;
Сыркоолугуңдан мурда саламаттыгыңды;
Иштен мурда бош убактыңды;
Карылыгыңдан мурда жаштыгыңды; Жакырдыгыңдан мурда байлыгыңды.
Элибизде бактылуу адам бузукулуктан, чыгымчылыктан оолак жүргөн жана оор кайгыга сабыр кыла билген.
* * *
Адамдын бактысын төрт нерседен: татыктуу аялдан, балдарынан, жакшы жолдошторунан, мекен үлүшүнө ээлигинен сезүүсү. Илгертен элибиз кудайдан үч нерсени – ден соолукту, кубаттуулукту жана коопсуздукту сурашчу. Сага суктанган досунан чочулоосу. Ага басып барбоо, ишин сурабоо жана жардамга чакырбоо менен кутулганы.
Жакшы адамдын жаман болуп калышы: жасаган жакшылыгы үчүн жеңилдеп турса.
Билимди көркүнө чыгарып турган – чынчылдык. Эрдиктин белгиси – айкөлдүк…
Баба насааты. Адегенде өзүңдү тааны. Өзүңдү толук билип алган соң илим, өнөр, адеп үйрөнүүдөн тартынба. Өз өмүрүңдү наадандык кейип кийип олтуруп, айбандыкка жеткирбегин. Эгерде өнөр илим сенден ыраактап кеткен болсо дагы сен аны издеп тапкын. Колуңда турган ар кандай буюмду дагы, дүнүйө-мүлкүңдү дагы алган илимиңден үстөм койбогун. Сен ар дайым бул жалганда чамгарак атып турсаң дагы тынымсыз тиги дүйнөнүн дагы камын жеп тургун. Эч убакта сен тигил дүйнөнүн күнүн бул дүйнөнүн кадырына сатпагын. Ар дайым сөз сүйлөө учурунда айтууга ылайыксыз келген нерселер жөнүндө ыпым дагы ооз ачпагын. Издөөгө ылайыксыз болгон нерселерде дагы эч убакта сүйлөбөгүн.
- * *
Даанышмандар насыйкатын эч убакта кор тутпагын. Бирди жарым иш жасап жаткан учурда эч убакта убакытты текке өткөрбөгүн. Ар кандай ишти иштин көзүн билген билерманга тапшыргын. Акыр түбү келип зыянга батыруучу иштерден этият болгун. Ар бир иштин алды аркасын ойлогун. Даанышмандар менен дайыма жайдары мамиле түзө бил. Сыналган нерсени кайрадан сыноону эч убакта адатка айландырбагын. Кутман карылардын сөзүн ар дайым урмат кыла билгин.
- * *
Кичи пейилдикти ар дайым өзүңө кесип кылып тутунгун. Ар дайым өзүңдү такыбалдыктын таза жолунда тааныткын. Курсантчылыкты байлык деп билгин. Маркумга кылган ариетиңдин кадырына жеткин. Өзүң тууралуу артыңда жакшы ат калтыргын. Кимдир бирөөлөрдүн муңдуу кайгыруусун угуп отурган чакта сен өзүңдү шатырата шатман шайыр кылып көрсөтпөгүн.
- * *
Түрдүү кайгы касиретке жолуккандар сизден өрнөк алсын. Өз убактысында пайда болгон зыянды мезгилсиз келген пайдадан өйдө көргүн. Адамдар менен өтө жумшак мамиле түзгүн. Ар түрдүү жайда токтоолук менен боло турган ишти өтө тездик кылбагын. Досуң менен да, душманың менен да өтө ынак болгун. Өз кийим кечеңдин өлчөмүнө карап туруп аяк сунгун.
- * *
Ар кандай ишти өз дилиңдин буйругуна карап аткаргын. Өз колуңда турган нерсеңди маанисиз ысыраптап шамалга сапырбагын. Мээримиңди эч кимден аябагын. Ар дайым колуңду да, тилиңди да ыпылас нерседен тыя жүргүн. Акыбети арман менен кайтчу иштерден ар дай ым оолак болгун. Жаман менен сырдашуудан алыс качкын.
- * *
Жолуңа бөгөт болуучу каракчы менен уулуулардын ырыскысын керте чап. Жаман кошунадан тез арада кол үзгүн. Кан жолдо арамза жана чагымчылар менен сапар улаба. Бөтөн бирөөнүн жеринде убактылуу жүргөндө дарак сайбагын.
- * *
Шорлуу жайга үрөн сеппе. Калың-кара букарадан өрнөк алгын. Жаңыдан түптөлүп келе жаткан байдан карыз албагын. Жердиги арамза тукумдардан кыз албагын. Өзүн өзү сыйлай албаган кадырсыз пенде менен чогуу отурбагын. Өзүнүн жараткан теңирин тааныбаган жандан ат чабым алыс болгун.
- * *
Сен дүйнө-мүлккө эмес, дүйнө-мүлк сага кызмат кылсын. Нааданга, түркөйгө жана акмак менен маска эч качан насаат айтпагын. Сенин айткан насаатыңды угуучулар турган жерде гана айтууну адатка айландыр. Өзүңдүн нускалуу насаатыңды эч качан кор тутпагын. Өзгөлөрдөн бекерге тамак жебегин. Кол астыңдагыларга ар дайым ырайымдуу болгун. Бирөөнүн ырыскысына үзүлүп көз артпагын.
- * *
Ач кашында отуруп тамак жебе. Кокус ач пендени көрсөң колуңдагы наныңды аябагын. Тамак ичип отурганда кимдир бирөөлөрдү ушактабагын. Ар дайым аялдардын арамза амалынан этият бол.
- * *
Бөтөн бирөөнүн мүлкүнө өз ээсинен дагы күйүмдүүрөөк мамиле жасагын. Бирөөнүн үйүнө өкүм сүйлөп зордугуңду көрсөтпөгүн. Арамза пендени үйүңө түк жолотпогун. Карыя сөзүн кор тутпа. Эрди-катын ортосуна арачы түшпө.
- * *
Ачуусу чукул текебер пендеден корко жүргүн. Дөөлөттүү адамдардан кине издебегин. Мейли ал эркек болсун, мейли ал аял болсун, эч бир жанга сен зулумдук кылбагын.
- * *
Мейманды, ыйык-азиз туткун. Калайык-калктан жүйөсүз нерсени үмүт этпегин. Ата-энеңдин акысын унутпагын жана бир туугандардан өз мээримиңди аябагын. Адамдар менен убада келишимин түзүүдө ар дайым таза болгун. Айтылбаган жерге конок болуп барбагын. Эгерде, бирөөнүн ажаатын ачуу колуңдан келсе андан ак көңүл жоомарттыгыңды аябагын.
- * *
Илимдүү адамдарды ар дайым улук деп билгин. Окуп үйрөнүүдөн намыс кылгандарды сен эч убакта чыныгы адам сабына кошпогун. Ден соолугуңдун тазалыгынын себеби өз тилиңди тыя билүүдөн деп санагын. Ар дайым акыйкатчыл болгун. Эч качан орунсуз сөздү оозанба.
- * *
Ар дайым тилиңди жаман сөз сүйлөөгө адаттандырбагын. Деги эле ыплас, балит, сасык сөздөргө кулак түрбөгүн. Сенин сөзүңө көңүл бурбаган пендеге тиш жарып убара болбогун.
Айткан ар бир сөзүңдүн өтөөсүнө чыгууга чыгынып бел байлагын.
- * *
Жакшыны дайым сыйлай бил. Дайыма оор басырык пенделер менен сырдашкын. Маркумдардын жакшы сапатын эскерүү менен сөзгө алгын. Досуңду душманыңа кайра-кайра үлгү тутуп, насаат кыла бербегин. Атаңдын өлүмүнөн кийин анын осуяттарын төкпөй-чачпай аткарууга тырышкын. Ар дайым илимге кызыккандар сабында болууга тырышкын. Эч бир ишти илимсиз жасабагын жана эч бир сөздү илимге таянбай туруп сүйлөбөгүн.
- * *
Көрүнгөндөрдүн сөзүнө көңүл буруп ишене бербегин. Жалпыдан жакшы сөз угууга умтулгун. Чындыкты булгап, жалган касам ичпегин. Тээ акыретти бул дүйнөдөн көбүрөөк ойлогун. Жетимдин мал -мүлкүнө кыйды көзүң тикпегин. Карылыктын камын жаштыгыңда жегин.
- * *
Кышкы учурда бүтө турган ишиңди жазгы учурга калтырбагын, бүгүнкү ишиңди бүтпөйт деп эртеңки күнгө таштабагын. Дарыны денең соо кезиңде ичпегин. Кандим табып көзү менен көрүп чыгып, анык шыпаасын айтмайынча ар кимдин сөзүнө кирип дарыланууга шашпагын.
- * *
Өз турмушуңда ар дайым жоомартыкты адатка айландыргын. Ичи тар, көрө албастардан узак жүргүн. Акылсыздар менен эч качан жан сырдаш болбогун. Сен өзүңө жардамды ар дайым жоомарт адамдардан гана сурагын. Жанга жагымдуу жакшынакай иштерди эч качан башкалардан аябагын. Кашыңа өзү басып келген карыздар пендени эч качан кысымга албагын. Өз досторуңдун айыбын эч качан бетине айтып, жүзүн чүркөө кылбагын.
- * *
Өз перзенттериңе өнөр кесип үйрөткүн. Өз ал-ахыбалыңды дос-душмандан жашырып ар дайым сырдуу туткун. Адам сыры айтылып жаткан жайда, бүтүндөй зээнин төшөп тыңдоого үйүр болбогун.
- * *
Улуктардын алдында сергек болгун жана өзүңө гана ылайыктуу сөздү сүйлөгүн.
- * *
Өзүңө балдар досторуң менен эч убакта алакаңды үзбөгүн. Качан өзүң дөөлөткө карк болуп кайрымдуу болгон чагыңда өзүңдүн жан күйөр досторуңду жадыңа алгын. Ошондой учурда да душманыңды майда деп санабагын. Эгер душманың өзү мындай учурда сени менен дос болууну самап кайрылып келип ийилсе, сен ага каршылык көрсөтпөй кучагыңды жайгын.
- * *
Сен ар дайым жыргалга баткан шаң-салтанат учурунда көбүрөөк корккун. Башыңа кандайдыр бир мүшк үлдүү күлпөт түшкөндө сабырды тута билгин. Башыңа оор мүшкүл түшкөн учурда ак төөнүн карды жарылган молчулук кезиңди ойлогун жана улагаңдан май агып ит-таманы кан болуп дооруң жүрүп турган кезиңде төбөңдөгү көгөргөн көк көмкөрүлүп зылдын кара ташындай эки ийиниңден төмөн басып, заманаң куурулган чагыңды эч убакта эсиңден чыгарбагын. Бирөөгө убада кылсаң кечиктирбей анын өтөөсүнөн чыккын. Сенден чоң үмүткөр болуп алыстан ажаат сурап келген пенделерди үмүтсүз калтырбагын. Бир көргөндө эле ага макул болуп моюн сунуп алданып калбагын жана эч качан бирөөнүн айыбын издебегин.
- * *
Өз жүгүңдү бирөөнүн ийинине артпагын, пайдасыз достуктан ар дайым ыраак болгун. Тар пейилдүү адам менен эч убакта достошпогун. Ак сөздү ар дайым улуу деп санагын. Жаратканга таянууну дайыма эң жакшы сапат деп билгин.
- * *
Накыл сөз
«Мээнеткеч, мээримдүү элге Ынтымак, ырыс өзү келет, Бакыт, дөөлөт кең берет. Элге, жерге каниет себет, Кары-жашка тең берет. Ата ордуна бала келет, Эрегишкен жоосун жеңет. Эрден элге жакшылык берет, Эр өмүрү эл өмүрүнө кетет.
Жигиттери жигердүү,
Келини келбеттүү,
Кызы жылдыздуу, Карысы акылман келет.
Мал-жанга береке кирет, Өзгө сабыр, жатка чыгаша берет, Акыйкат, бардар заман келет».
- * *
«Мээнет баскан, ыйманы аз элге Ынтымак, ырыс өтө качат, Бакыт, дөөлөт тескери басат. Элин, жерин кара басат, Бала атасын сатат. Жоосу төбөсүн басат, Эрден кайрат качат.
- * *
«Жерден береке качат,
Жигиттен айбат,
Келинден келбет,
Кыздардан жылдыз, Карыядан кусур качат.
Мал-жанын дарт басат, Өздөн сабыр качат, Акыйкат заман качат».
- * *
«Ак чопкут деп айтабыз, Атканда ок өтпөсө.
Аргымак деп айтабыз, Желгенде жылкы жетпесе. Акылдуу деп айтабыз, Чачылган элди эптесе.
Эр жигит деп айтабыз, Жоого таштап кетпесе».
- * *
«Кароолчунун жаманы – алдырганда өкүнөр Баатырлардын жаманы – чалдырганда өкүнөр».
- * *
«Кырга чыккан кырк кайыңда так жокпу, Кылыч шилтеп, кыргыз балта чаппаган?!
Кырка тарткан өзөн, жылга, сай жокпу,
Кыргындарда кыргыз каны акпаган?!»
- * *
«Оору – кор, өлүм – муңдук, жокчулук – зар. Ынтымак турган жерде токчулук бар».
- * *
«Булбул жайы бак болот, Пашаанын жайы так болот, Жамандан киши жат болот».
- * *
«Гөзөлдүн көркүн көз ачат, Чечендин көркүн сөз ачат.
Арманың калбайт ат барда Кумарың таркайт куш барда. Канимет кылгын эр жигит Денеңде азиз жан барда».
- * *
«Жаманга дөөлөт келгенде Көтөрө албай мас болот. Жакшыга дөөлөт келгенде, Бечара сыпаа пас болот».
«Өткөн өмүр билинбейт Өлгөндөр кайтып тирилбейт. Армандуу пенде ат минет, Кумарлуу пенде куш алат».
«Арманы болор мергендин, Алганы болор бергендин.
Күнөөсү болор күлгөндүн, Күйүтү болор өлгөндүн».
«Акыл кетсе башыңдан, Мандайыңда шор болор. Ачуу – душман, акыл – дос, Ачуу түбү кем болор».
- * *
«Эл бийлөөчү азамат, Элиңди бирден таратпа».
- * *
«Өлүм эрди өксүтөт, Жокчулук эрди карытат».
- * *
«Тил албаган балаңыз, Бел ашпаган арыктай».
- * *
«Боз баланын жакшысы, Мазар болгон чынардай».
- * *
«Ойной көр да, күлө көр, жан курдаштар, Өлгөнүңдө башыңа чалма жаздаар. Кыргоол көрсө талпынар турумтайым, Турумтайым туурусу туура кайың. Ойнобоюн, күлбөйүн деген сайын, Өмүр өтүп баратат не кылайын?!»
- * *
«Ырыс алды – ынтымак, Ынтымагың жок болсо, Алдыңан таяр алтын так».
- * *
«Жети атасын билген уул, Жети журттун камын жээр.
Өзүн гана билген уул, Кулагы менен жаагын жээр. Жапалак куш мактанса, Жардан чычкан алдым дээр. Жаман адам мактанса,
Жакшыны сабап салдым дээр».
Жаман чечен мактанса Баарын айтып салдым дээр.
- * *
«Чечен алжыса – намысынын кеткени.
Баатыр жаңылса – ажалынын жеткени».
- * *
«Айтылган сөз аткан ок, Айтылган соң кайрылбас. Калган көңүл – качкан куш, Кайгырган менен табылбас. Өткөн өмүр – өчкөн от Өкүнгөн менен жагылбас».
- * *
«Арасы күмүш болбосо, Күн тийген тоодо не пайда. Күйүп-бышаар болбосо, Жыйганың жылас бул жайда. Ар-намысын билбеген, Тууганыңдан не пайда».
- * *
«Жаның барда жашып өмүр сүрбө, Жакшы, жалындуу өмүр сүр.
Керилгенге керилбе, Керексиз сөзгө секирбе».
- * *
Салабаттуу карынын Санаган сөзү сары алтын.
- * *
«Кеп узак жашоодо эмес, Ынтымак, кызык жашоодо».
- * *
«Жыланды чакпайт дебе,
Жылкыны теппейт дебе».
- * *
«Төшөктөн үрккөн эр жаман, Көнөктөн үрккөн бээ жаман».
- * *
«Жакшыны сөзүнөн тааны, Жаманды көзүнөн тааны».
- * *
«Улама менен бир жүрсөң, Сөз кадырын билесиң. Жакшы менен бир жүрсөң, Эл кадырын билесиң».
- * *
«Аргымак байлап не керек, Артынан кууган жеткен соң. Агайын-тууган не керек, Аңдышып күндө өткөн соң».
- * *
«Билбес наадан туугандан Билеселүү жат жакшы.
Кесепет жаман катындан Келте ооруган дарт жакшы».
- * *
«Адал жүргүн, арам болбо, Сакы болгун, сараң болбо.
Жаман ишти билип туруп, Түшпөңүздөр жаман жолго».
- * *
Аттын баары тулпар болбос, Куштун баары шумкар болбос. Өзү мерес, катуу адамдын, Кишиге айтар назы болбос.
Жаман киши малга тойбос,
Жамандыгын асты койбос».
- * *
«Өткөн өмүр, кеткен күн, Кайрылып келбейт чакырса. Жигит болот алмаз курч, Жамандык көрүп жышылса».
- * *
«Жакшылык келбейт жамандан,
Кеп кутулбайт чеченден, Мээнет кетпейт бечелден».
- * *
«Акылы начар жигиттин,
Кабагынан каш кетет,
Казанынан аш кетет, Кармаса колдон иш кетет, Карыса белден күч кетет».
- * *
«Алтын ээр, ак кабак,
Атка тынчы жок болсо, Алтынын алып отко жак.
Айтарга тууган көп болсо,
Кайрылышы жок болсо, Арсаңдай күлүп жатка жак».
- * *
«Тууганым бар деп кубанба, Жаман тууган канетсин. Бар болсо көрө албайт, Жок болсо бере албайт».
- * *
«Ат башы менен эр башы, Кайда калбайт бир башы». * * *
«Эр башына күн түшсө, Өтүгү менен суу кечет».
- * *
«Уй териси тон болбойт, Асты карөзгөй адам чоң болбойт. Этекти кессең жең болбойт, Эзелде душман эл болбойт».
- * *
«Байласа күчүк арыбайт, Дөөлөттүү адам карыбайт».
- * *
«Жылкы айдаган ышкырат,
Көңүлү ачык көп күлөт, Жүрөгү күйгөн үшкүрөт».
- * *
«Аз кайгыны аш басат, Көп кайгыны дос басат».
- * *
«Айбан ачуусу көзүнөн билинет, Адам ачуусу сөзүнөн билинет».
- * *
«Айбанды өңүнөн тааны, Адамды сөзүнөн тааны. Айбандан түңүлсөң түңүл, Адамдан түңүлбө».
- * *
«Айды этек менен жаба албайсың, Байлыкты бекер жерден таба албайсың».
- * *
«Акак көркү – берметте,
Азамат көркү – эмгекте».
- * *
«Ак ниет болсоң – жетээрсиң муратка, Арамдык кылсаң – каларсың уятка».
- * *
«Акыл айга жеткирет, Өнөр көккө учурат».
- * *
«Акылдуунун алды менен жүр, Акмактын арты менен жүр».
- * *
«Акылдуу сөз чыкпаса, Улуулуктан не пайда?
Алкынып турса сумсайып, Сулуулуктан не пайда?»
- * *
«Акылман билги өлсө – журт акылсыз, Эр кол башчысы өлсө – кол жетим».
- * *
«Кайрат – дартты жеңилдетет, Кайгы – дартты ырбатат».
- * *
«Калп менен жыргап көргөнчө, Чындык менен азап чек».
- * *
«Кашык менен көлдү соолто албайсың, Кастык менен элди курута албайсың».
- * *
«Кишинин жумшагын киши жейт,
Жыгачтын жумшагын курт жейт».
- * *
«Көл чайкалса – көбүгү бетине чыгат, Эл чайкалса – тентеги четине чыгат».
- * *
«Күн кызарып чыкса – элиңди жоо чапкандай күйүн, Күн кызарып батса – катының уул тапкандай сүйүн».
- * *
«Кыз жаманы – кыроо, Уул жаманы – уйгак, Келин жаманы – кезик».
- * *
«Шамал жерди кургатат, Дөөлөт эрди жыргатат. Өлүм эрди сыздатат».
- * *
«Жакшы адамдын белгиси, Жалпыга бирдей калыста. Жакшы санаа теңтушка, Жаман сөзгө барышпа».
«Гүл өссө – жердин көркү, Кыз өссө – үйдүн көркү».
- * *
«Жабыгып жүрсө жигитти, Жакырсың деп кордобо. Ташыркаган бууданды, Баса албайт деп болжобо».
- * *
«Жаздыктан өлгөн – жаман ат, Жоодон өлгөн – салтанат».
- * *
«Жакшы адамдын досу көп, Жакшы аттын ээси көп».
- * *
Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, Жүзгө чыкса карыдым дебейт».
- * *
«Жакшы деген бир ат бар – кууса жетпейт, Жаман деген бир ат бар – жууса кетпейт».
- * *
Чечендикте не пайда, Эм болбосо айтканы. Аялдууда не пайда, Агып турса тапканы».
- * *
«Азамат карып эмеспи, Алкынтып атты минбесе. Жашчылык кетет кор болуп, Жалынтып кызды сүйбөсө. Аял карып эмеспи, Алдынан бала күлбөсө».
- * *
«Баатыр болмок маңдайдан, Чечен болмок таңдайдан. Өкүм болмок өзүңдөн, Сынык болмок сөзүңдөн».
- * *
«Эр азамат жигиттин, Бак-дөөлөтү барында, Бардык адам дос болот. Дөөлөтү баштан тайган соң, Жаман адам кас болот».
- * *
«Биринчи тилек тилеңер,
Бириң да ойрон болбоско.
Экинчи тилек тилеңер, Энеден жетим калбаска. Үчүнчү тилек тилеңер, Үйүң ойрон болбоско.
Акыркы тилек тилеңер, Аса-муса колго алып, Ата деп ыйлап калбаска».
- * *
«Акылың болсо азамат, Аштык айдап, баккын мал. «Айдай келге» ишенбей,
Бастырып барып көзүң сал».
- * *
«Акылың көп болуп, ачууң аз болсо – зор болорсуң, Душманың көп болуп, досуң аз болсо – кор болорсуң».
- * *
«Алпты жеңген баатыр эмес, Ачууну жеңген баатыр».
- * *
«Алты күн ачка калсаң да, Атаңды сыйла».
- * *
«Алтынды билүү оңой, Адамды билүү кыйын».
- * *
«Карышкыр жолдош болбойт жолборс менен Жолдош болбо акылы болбос менен».
- * *
«Жарамдуу жалгыз эр чыкса Жалгыз татыйт бүт элге.
Жамандык кетсе өзүңдөн,
Башкадан көрүп күчөнбө».
- * *
«Жолун жолдо жакшынын, Жолоюна түшкүнүң.
Жаныңа пайда келтирген, Жакшыдан теңтуш күткүнүң. Жарым ай жолдош болбогун, Жамандан күдөр үзгүнүң».
- * *
«Бириңден бириң акыл сура, Улууңду кичүүң сыйла кыя баспай, Жакын жок, тиричиликте уялаштай. Жогуңа барың бекем кайрылышкын, Тилектеш чын ыклас бирдигинде. Табылган башка мүлк, казыналар Түбөлүк мурас болуп жүрдү кимге».
- * *
«Байлык колдун кириндей:
Бирде келет, бирде кетет, Жукса турат, жууса кетет».
- * *
«Балалык кишиге эки келет:
Бири – карыганда, бири – жашында».
- * *
«Бастырганды билбеген жолду бузат, Башкарганды билбеген элди бузат».
- * *
«Бата менен эр көгөрөт, Жамгыр менен жер көгөрөт».
- * *
«Өзгө элге султан болгуча, Өз элиңде ултан бол».
- * *
«Баштаагы болбой мал болбойт, Башчысы болбой эл болбойт».
- * *
«Бети-бетиме тийген тууганыма баркым жок, Эти-этиме тийген катыныма баркым жок».
- * *
«Дүйнөнүн түбү тешик жукпаганга, Түрүнүп кеп айтпагын укпаганга».
- * *
«Көкүрөк сокур болгон соң, Көз менен алыс барбайсың. Өз дайныңды таппасаң, Өзгөнү кантип жалгайсың».
- * *
«Тилегине жараша, Кең пейилдүү кем болбойт. Тар санаган кишинин, Таалайы журтка тең болбойт».
- * *
«Арманың таркайт аш барда, Кумарың таркайт куш барда. Ар ишти кылгын иш барда, Таш чайнагын тиш барда».
- * *
«Туура болсо ниетиң, Тулпар минип ойнойсуң. Кыңыр болсо ниетиң,
Кыяматка тойбойсуң».
- * *
«Ороздунун балдары, Отузунда жаш болот.
Акылы жок тентектин Катыны бийлеп баш болот».
- * *
«Тууганыңды жаман деп, Душманыңа качпагын. Жолдошуңду жаман деп, Абийириңди ачпагын».
- * *
«Казы кертип, жал чайнап, Сен да өтөрсүң дүйнөдөн. Кара жарма жалмалап, Мен да өтөрмүн дүйнөдөн».
- * *
«Атадан жакшы туулса, Эшиктен төргө сүйрөөр. Атадан жаман туулса, Төрдөн көргө сүйрөөр».
- * *
«Карындагы баланын, Кан болорун ким билет. Бешиктеги баланын, Бек болорун ким билет».
- * *
«Кары да бол, жаш да бол, Кадырлашкын тирүүңдө.
Калар бир күн алтын баш, Казылган көрдүн түбүндө».
- * *
«Канды кудай урарда,
Калкы менен кас болот».
Катынды кудай урарда, Картайганда жаш болот. Эрди кудай урарда, Эбин таппай мас болот».
- * *
«Эшек баксаң ардактап, Эзели буудан болбойт. Эси жогуң эстүүгө, Эч качан тууган болбойт».
- * *
«Эки жакшы кошулса, Бирин бири кыйышпайт. Эки жаман кошулса, Кең дүйнөгө сыйышпайт».
- * *
«Эки эр бириксе, Бир ашуудан ашырат. Эки эл бириксе, Миң ашуудан ашырат».
- * *
«Таптаган билет шумкарды, Чапкан билет тулпарды.
Таптаса шумкар учпайбы, Чапса тулпар чыкпайбы».
- * *
«Саяпкери жарашса, Жабагы калбайт тулпардан. Мүнүшкөрү жарашса, Жагалмай калбайт шумкардан».
- * *
«Катын жакшы – эр жакшы,
Увазир жакшы – хан жакшы».
- * *
«Бул дүйнөдөн – аккан суудай,
Айкаштагы чуудай,
Төгүлгөн кумдай бардыгы өтөөр».
- * *
«Сыпайы сызып айтат,
Чечен кызып айтат, Чоркок үзүп айтат, Чогоол бузуп айтат».
- * *
«Алышыңды бек байла, Жардап кетсе суу бербейт.
Жарыкта малың жыйнап ал, Караңгы кирсе көз жетпейт».
- * *
«Аргымак аттын куйругу – Бирде жибек, бирде кыл. Эр жигиттин белгиси – Бирде мырза, бирде кул».
- * *
«Аргымактын кулуну Алтын көкүл кер болот.
Азаматтын күлгүнүКиши акысын жебеген, Жоого кегин бербеген, Айбаты катуу шер болот».
- * *
«Жаман киши жер коруйт, Жаман катын эр коруйт».
- * *
«Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок.
Даанышмандын курбусу көп, теңи жок». * * *
«Ат жакшысы боз болот,
Алганы жакшы жолукса, Атасы душман дос болот».
- * *
«Жакшы катын жаман эрди эр кылат, Жаман катын жакшы эрди жер кылат».
- * *
«Кудай кошкон куда болот, Жол кошкон жолдош болот.
Кар эрисе суу болот, Кан белгиси туу болот».
- * *
«Жалгыз адам тутка болбойт, Тутка болсо да Журтка болбойт».
- * *
«Кулдан акылман чыкса, Төргө отургузуп бий шайла. Тектүүдөн жаман чыкса, Төрдөн кууп тышка айда».
- * *
«Арык койдун терисин, Алты ашатсаң ий болбойт.
Атадан жаман тууганды Ак кийизге салдырып, Көтөргөн менен бий болбойт».
- * *
«Аргымактын жакшысы
Азыраак оттоп, көп жуушайт, Азаматтын жакшысы,
Азыраак сүйлөп көп тыңшайт».
- * *
«Жакшынын жакшылыгы тиер ар жерде, Жамандын жамандыгы тиер тар жерде».
- * *
«Акылдуу тоону томкорсо, Акылсыз элди коңторот».
- * *
«Козголбос экөө:
Сырттан сырттандыгынан танбайт да, Акмак акмактыгынан жанбайт».
- * *
«Кулактууга кеп айтсаң, кулагынын учунда, Кулаксызга кеп айтсаң, туягынын тушунда».
- * *
«Алтоо болгун ала бол,
Алдыңдагыны алдырарсың. Төртөө болгун төп болгун, Төбөдөгүнү алаарсың».
- * *
«Аскар, аскар тоо, Аягы келип чап болот. Атадан алтоо болсо да, Сыйлашпаса жат болот».
- * *
«Ата – аскар тоо,
Эне – оргуган булак,
Бала – экөөнө тең шам чырак».
- * *
«Ат башына күн түшсө, Ооздугу менен суу ичет. Эл башына күн түшсө,
Кыштын күнү үй чечет».
- * *
«Ат куйругун кармасаң, Өзөндөн өтөрсүң. Ит куйругун кармасаң, Сууга чөгөрсүң».
- * *
«Адал болсоң дос көбөйөт, Арам болсоң кас көбөйөт».
- * *
«Адам аласынан сөз аласы жаман, Эт чаласынан сөз чаласы жаман».
- * *
«Адамга кылган жакшылык,
Айда тийген ай эмес, Күндө тийген күн эмес».
- * *
«Адам өзү ажалдуу болсо да, Өлбөс нерселерди жасайт».
- * *
«Ажал жетип күн бүтсө, Кимди сорбойт кара жер».
- * *
«Алыс жол атты сынайт, Оор күн эрди сынайт».
- * *
«Арамзанын карды тойбойт, Ач көздүн көзү тойбойт».
- * *
«Аргымак мойнун ок кесет, Азамат мойнун жок кесет». * * *
«Атанын уулу болуш – урмат,
Элдин уулу болуш – кымбат».
- * *
«Атаңды көргөндөн акыл сура, Энеңди көргөндөн тон сура».
- * *
«Ат жакшысы алыскы жолдо сыналат, Дос жакшысы айыгышкан жоодо сыналат».
- * *
«Ат сыйлаган азамат жөө баспайт, Эр сыйлаган катын, эшикте калбайт».
- * *
«Ачуу – душман, акыл – дос, Акылыңа акыл кош».
- * *
«Ачуу менен таттууну таткан билет,
Алыс менен жакынды баскан билет.
- * *
«Ачылгандын айыбы жок, Өзү билип жапкан соң.
Адашкандын айыбы жок, Кайтып үйрүн тапкан соң».
- * *
«Баатыр туулса – эл ырысы, Жамгыр жааса – жер ырысы».
- * *
«Бакага балыр көл жакшы, Балыкка терең суу жакшы,
Жигитке өскөн эл жакшы».
- * *
«Бактың ашкан убакта, Карганы салсаң каз алат. Бактың качкан убакта, Шумкарды салсаң аз алат».
- * *
«Бакылдаган текени, Суу кечкенде көрөрбүз. Шакылдаган келинди,
Үй чечкенде көрөрбүз. Менменсинген жигитти, Жоо келгенде көрөрбүз. Чеченсинген жигитти Доо келгенде көрөрбүз».
- * *
«Бакыт деген тоголок, Аны токтотууга эп керек. Мээнет деген жалпак, Аны көтөрүүгө күч керек».
- * *
«Бетинен бедер кеткен соң, Кымкап да болсо бөзгө тең. Кадырман болсо зайыбың, Картайса да кызга тең».
- * *
«Бир жамандык, бир жакшы – Эгиз болуп бир келээр.
Бир караңгы, бир жарык – Түндөн кийин күн келээр».
- * *
«Бузулар үйдөн ырк кетет.
Атасынан адилдик кетет,
Баласынан намыс кетет,
Катыны айыңчы,
Келини ууру болот».
- * *
«Булбулдун мукам үнү бар, Тайлактын таза жүнү бар. Боло турган азамат, Болоттон кылыч байланып, Жоого тийсе сүрү бар».
- * *
«Бүгүн көргөн – эртең жок, Бүгүнкү ач – эртең ток.
Тоюнганда топук күт, Толгоп сапар дүнүйө шок».
- * *
«Бийикке чыксаң көзүң ачылат, Билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат».
- * *
«Булуттан чыккан күн ачуу, Жамандан чыккан сөз ачуу».
- * *
«Буюмдун кирин самын жууйт, Көңүлдүн кирин акыл жууйт».
- * *
«Бүткөн ишке сынчы көп, Бышкан ашка жечү көп».
- * *
«Бычак жарасы айыгат, Сөз жарасы айыкпайт».
- * *
«Билгенден биле элегиң көп, Көргөндөн көрө элегиң көп».
- * *
«Бирдин билгени – сыңар эмчектин сүтү, Көптүн билгени – ташып аккан дайра».
- * *
«Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, Бирөөнүн көрүнө бирөө кирбейт».
- * *
«Болоруңа келгенде боз жоргоңду такала,
Болбосуңа келгенде болгон эрди жакала».
- * *
«Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны, Журт баштаар уулду сөзүнөн тааны».
- * *
«Жалы барда чамынган, Жаман аттын белгиси. Жаны барда жалынган, Жаман эрдин белгиси».
- * *
«Жаманга жалынбагын малы бар деп, Эшекти сылабагын жалы бар деп».
- * *
«Жамандан жакшы туулат, Адам айтса ынангыс. Жакшыдан жаман туулат, Бир аяк ашка алгысыз».
- * *
«Жаман дос көлөкө сыяктуу:
Күн ачыкта кутула албайсың, Күн бүркөктө издеп таба албайсың».
- * *
«Жаман атка жал бүтсө, Жанына торсук байлатпайт. Жаман эрге мал бүтсө,
Жанына коңшу жайлатпайт».
- * *
«Жол атасы – туяк, Сөз атасы – кулак, Суу атасы – булак».
- * *
«Жакшы киши мал бакса, торугун семиртет, Жалкоо киши мал бакса сөөгүн итке кемиртет».
- * *
«Жакшы кушка жаман куш, Багуу менен теңелет. Жакшы кызга жаман кыз Багы менен теңелет».
- * *
«Жакшы кыз – жакадагы кундуз, Жакшы жигит – көктөгү жылдыз».
- * *
«Жакшы менен дос болсоң, Ырыскысын тең бөлөт. Жаман менен дос болсоң, Өзүнөн сени кем көрөт».
- * *
«Жерге келет бир кезек, Жерге кезек келгенде Байчечекей, чөп жайнайт.
Эрге келет бир кезек, Эрге кезек келгенде Эгиз күлүк ат байлайт».
- * *
«Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, Элинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт».
- * *
«Жолборс изинен кайтпайт, Жигит сөзүнөн кайтпайт».
- * *
«Жорто албаган жол бузат, Айта албаган сөз бузат».
- * *
«Ийри жыгач түз болот, Тезге салып мордосо. Душманына кор болот, Өз тууганын кордосо».
- * *
«Илгери кетээрдин ити чөп жейт, Кедери кетээрдин келини ууру кылат. Ичи жаманды ит кабат Пейли жаман ниетинен табат».
- * *
«Кагылышта кан өлөт, калаа бузулат, Эрегиште эр өлөт, эриш бузулат.
Өчөшкөндөн өрт чыгат, эл бузулат».
- * *
«Сулуу кыздын – саамайы көрк, Эр жигиттин – таалайы көрк, Саябан бактын – маанайы көрк».
- * *
«Тай ат болсо – ат тыныгаар, Уул эр жетсе – ата тыныгаар».
- * *
«Тамчы тама берсе таш жарат, Бир сөз ырбай берсе баш жарат».
- * *
«Ташка салып айдаса, тулпардан туяк кетилет, Саяпкери жарашса, тулпарга туяк жетилет».
- * *
«Тоону бийик дебе – талаптансаң чыгарсың, Жоону күчтүү дебе – кайраттансаң жыгарсың».
- * *
«Улууну урматтаган адам узак жашаар, Кичүүнү урматтаган адам куунак жашаар».
- * *
«Уруш бар үйдө мээнет бар, Ынтымагы бар үйдө дөөлөт бар».
- * *
«Ушу жарык дүнүйө, Устаранын мизиндей Оодарылат күнүгө».
- * *
«Үй-бүлөнү бузган –
Капкалуу шаарды бузганга барабар».
- * *
«Үйдүн ысык-суугун кыш түшкөндө билээрсиң, Кишинин жакшы-жаманын иш түшкөндө билээрсиң».
- * *
«Чын айтып залал тап – Акыры жетээрсиң муратка. Калп айтып пайда тап – Акыры калаарсың уятка».
- * *
«Чын жакшыга жолуксаң, Суу ордуна бал берээр.
Чын баатырга жолуксаң, Сен үчүн ал жан берээр».
- * *
«Чырпыгы сынса талыңдын, Чынар болбойт ал кайтып.
Өткөн өмүр – качкан куш, Колуңа келбейт ал кайтып».
- * *
«Атасы жакшы айттырбайт, Теги жакшы дедирбейт, Сөөгү жакшы сөктүрбөйт».
- * *
«Эки жакшы баш кошсо – тунук суудай, Эки жаман баш кошсо – ылай суудай».
- * *
«Элге эл кошулса – дөөлөт, Элден эл кетсе – мээнет».
- * *
«Элин сагынбаган эр болбос, Үйүрүн сагынбаган ат болбос».
- * *
«Элиңде тынчтык болбосо, Алдыңдан таяр алтын так».
- * *
«Эл камын ойлоп башкаргандык – кеменгердик, Эл тагдырына кол көтөргөндүк – текеберлик».
- * *
«Эл менен эр көгөрөт, Суу менен жер көгөрөт».
- * *
«Эл четине жоо келсе, Жан аяган жигитпи. Жакшы көргөн досунан, Мал аяган жигитпи».
- * *
«Эрте чыксаң алдыңдан күн чыгат, Кеч чыксаң алдыңдан түн чыгат».
- * *
«Ээнбаштык менен тапкан малың, Өз башыңа жүк болор. Эмгек менен тапкан малың, Өлгөнүңчө мүлк болор».
- * *
«Ашына болбо акмакка,
Сырыңды айтпа нааданга, Жанашпагын жаманга.
Арманың калбайт ат барда,
Кумарың таркайт куш барда, Ар иш кылгын күч барда, Марттык кылгын мал барда».
- * *
«Жакшы болсо алганың Ичиңде калбайт арманың.
Жаман болсо алганың Жанга жабыр салганың Арылбайт баштан арманың».
- * *
«Күлүктү күлүк дебе минбеген соң, Асылды асыл дебе кийбеген соң, Сулууга суктанбагын сүйбөгөн соң.
Жаманга жалынбагын билбеген соң, Пайдасы кысылганда тийбеген соң».
- * *
Жамандын кызматына марыбайсың, Үй-бүлөң негиз болсо карыбайсың. Жалган сөз, жаман айтсаң жарыбайсың, Ак жүрсөң күйүп турган жалындайсың.
Өмүргө эки жолу жаралбайсың, Өткөнгө бир кылчайып бара албайсың. Бириңе бириң акыр табылбайсың, Жашыңдан көптү көрбөй кагылбайсың.
Өз ара бирдигиңер бекем болсо, Өзгөгө моюн сунуп багынбайсың».
- * *
«Өлүм, нике, ырыскы, Үчөө кыйын адамга. Тирүүлүктө кыянат,
Кылбагыла адамга».
- * *
«Дүйнөнүн түбү тешик жукпаганга, Түрүнүп кеп айтпагын укпаганга.
Колунан кулалынын не келмекчи, Кондуруп күндө үч убак куштаганда. Түз жүргүн тизгиниңди жыя кармап, Бузуктун буйлаланбай сатыгына. Жаманды жакыным деп жактай берсең, Бир күнү булганасың сасыгына».
- * *
«Ат кадырын биле албайт, Алыска сапар жүрбөгөн.
Сөз кадырын биле албайт, Жыйылган топко кирбеген. Мейлиң ажо, мейлиң кан, Өтөсүң бир күн дүйнөдөн».
- * *
«Өсөр элдин балдары, Бир-бирине дос болот. Өспөс элдин балдары, Бир-бирине кас болот».
- * *
«Туурунан качкан шумкар оңбос, Үйүрүнөн адашкан тулпар оңбос.
Көлүнөн безген каз оңбос,
Төрүнөн безген кыз оңбос, Элинен безген эр оңбос».
- * *
«Бир тобокел буза алат, Миң кайгынын калаасын. Бир жакшы сөз бүтүрөт, Миң көңүлдүн жарасын».
- * *
«Бирөөнүн ак көтөргүс бозу бар, Бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар».
- * *
«Сүйлөй келсе жамандын, Сөзү өткүс бир бычак. Сөз билүүчү адамдын, Ар сөзүндө бир тузак».
- * *
«Уулуң өссүн, кызы жакшы менен,
Кызың өссүн, уулу жакшы менен».
- * *
«Айда жеген ток болот, Күндө жеген сук болот».
- * *
«Жакшы адам наарын чачат, Жаман адам заарын чачат».
- * *
«Гүл кадырын булбул билээр, Жол кадырын дулдул билээр».
- * *
«Жерди бир жолу тойгузсаң, Ал сени он жолу тойгузаар». * * *
«Эгиндин жакшы-жаман болмогу жерден, Адамдын жакшы-жаман болмогу элден».
«Төрт аяктуудан бото таттуу, Эки аяктуудан бала таттуу».
- * *
«Жүк оорун нар көтөрөр, Сөз оорун эр көтөрөр».
- * *
«Өлүмдү көп айтса, Тирүүдөн береке качат».
- * *
«Киши акылы – кишен менен тушоо, Өз акылың – өзүң менен тамыр».
- * *
«Күзгү муздун күзгүдөйүнөн качпа, Жазгы муздун жабыктайынан кач».
- * *
«Кызды бакпаса күң болот, Жибекти бакпаса жүк болот».
- * *
«Суу менен ойносоң, чөгөсүң, От менен ойносоң, күйөсүң».
- * *
«Эндик боз минсең, оозун тарт, Элдүү жерде тилиң тарт».
- * *
Осуят
Малга жарды болсоң, сөзгө жарды болбогун.
Адал жүрүп, малың бак.
Азапка чыдасаң, жашоону үйрөнөсүң.
Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач.
Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырба.
Көкүрөк дадил, курч кезде, көп өнөргө шыктуу бол.
Күйүттү күлүп ызала, кырсыкты эмгектенип табала.
Миң сөз айтканча, бир ишти кыл.
Бактылуу болом десең башкага көз артпа.
Суу ичкен кудугуңа түкүрбө.
Жамандык кылба жандууга.
Жаш күнүңдүн ыраатын жаштыгыңда сүрүп өт.
Тирүүлүктө күдөрүңү үзбө.
Түшүң жаман болсо сууга жорут.
Кууну кушка жегизбе.
Каруу жумшап кармашканча, кыйыр сөз менен кынына кийир.
Ата карыса кул кылба, эне карыса күң кылба.
Айлыңды коюп алыңды бил.
Өзгөнү коюп өзүңү бил.
Душманга өлүм тилегенче, өзүңө өмүр тиле.
Аарынын уюгуна тийбе.
Кумурсканын уюгуна жыгач салба.
Кыйнап миңген атыңды муздак сууга сугарба.
Өткөн ишке өкүнбө, кеткен ишке кейибе.
Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо.
Өнбөс доону доолаба, өлбөс жоону жоолаба.
Топту карай таш ыргытпа.
Туулган жерге тууңду тик.
Иттен көлөкө талашпа.
Ителги салба, кепил алба.
Кезеги келсе кетмен чап, орою келсе орок ор.
Келген жериңден кеткен жериң аруу болсун.
Көптү көргөндөн сөз оку, көнөрбөс кылып бөз току.
Күчүңдү күлкүгө кетирбе.
Кыш кырга конбо, жаз сайга конбо.
Санабай туруп түгөл дебе.
Суктан сураба, сараңга бербе.
Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе.
Ала тонуңду аңтара кийбе.
Даам таткан жериңе какырба.
Душманың суу берсе, досуңдай көр.
Жакшы менен дос болсоң оозуңа аш тиет.
Кайрылгандан айрылба.
Кайрылып ачар капканды катуу жаппа.
Касыңдан бал жегенче, досуңдан суу ич.
Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин баркын бил.
Өз башыңды доого берсең да, жолдошуңду жоого бербе.
Өлө жегенче бөлө же.
«Өлтүрөм» дегенден коркпо, «өлөм» дегенден корк.
Сурап бергенче уруп бер.
Тийбегенге тийишпе.
Теңине албагандын тегерегине жолобо.
Тойдо тонумду бер дебе.
Төрдө орун болсо, улагага отурба.
Улууну урматта, кичүүдөн иймен.
Үйүңө келгенге таарынчың айтпа.
Чакыргандан калба, өзүң басып барба.
Бирөөгө жамандык кылсаң, өз башыңа тиерин унутпа.
Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа. Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатыңды сактаганың. Арстандай күчүң болсо,
Түлкүдөй куулукту үйрөн.
Арткан ашты иттен аяба.
Жээриңди майда чайна, айтаарыңда мыкты ойло.
Ийри отурсаң да түз сүйлө.
Каргыш албай, алкыш ал.
Жакшынын сөзүн жанчыгыңа сал.
Сүйлөгөндү сүйсөң, укканды да үйрөн.
Адамды кордобо, акмакты бордобо. Азыраак сүйлөп, көп тыңша, Азыраак айтып, көп иште. Арам санаа болбогун, Алгандан алтоо болбойсуң. Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
Ачынганга мал көрсөт, адашканга жол көрсөт.
Бийик тоонун чокусуна бир күндө басып чыгам дебе.
Бир ок менен эки коён атам дебе.
Агайынды жат көрүп, тууганды кайдан табасың,
Аргымакты жаман деп бууданды кайдан табасың.
Агайыңдын кадырын жалалуу болсоң билээрсиң.
Ата-эненин кадырын балалуу болсоң билээрсиң.
Абийириңди жашыңдан сакта.
Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
Ашы бар аяктан аттаба.
Баркыңды билбегенге барба.
Бирөөнүн ашына мойнуңду созбо.
Бир күнкү таанышка миң күнү салам айт.
Буюрбаган аштан үмүт этпе.
Досуңдан сырыңды жашырба.
Душманыңды башыңдан ашырба.
Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен.
Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны.
Душманга таба, доско күлкү болбо.
Жабыгып жүргөн жигитти жакырсың деп кордобо, Ташыркаган бууданды баса албайт деп болжобо.
Жакшыга жанаш, жамандан адаш.
Жакшылыкты досуңа кыл, досуңдан артса өзүңө кыл.
Жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же.
Жолдон чыксаң чык, көптөн чыкпа.
Мал сактаба – ар сакта.
Мансап үчүн сүйбө, мал-мүлк үчүн достошпо.
Ойлонбой сүйлөсөң, оорубай өлөсүң.
Ороздуу менен оттош бол.
Өзгөгө өбөк болгончо, өзгө төшөк бол.
Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.
Өмүрдөн жамандык күтпө, өлүмдөн жакшылык күтпө. Өнөрүң болсо өргө чап.
Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен байлашпа.
Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар.
Уста барда колуңду тый, молдо барда тилиңди тый.
Уялбагандан өзүң уял.
Эр болсоң көк бол, айткан сөзгө бек бол.
Оң колуңдун ачуусу келсе, сол колуң менен карма.
Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так.
Акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.
Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.
Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан ыракат көрөрсүң.
Эл менен эрегишпе, эр менен жоолашпа.
Жамандан жазган, иттен иймен, элиңди сүй.
Алдыңа аш келсе, атаңдын кунун кеч.
Атаңды көргөндөн акыл сура.
Көчкөн журтуңдун баркын конгон журтуңда билесиң.
Күңдүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин.
Өткөн ишке өкүнбө.
Темирди кызуусунда сок. Тишиң барда таш чайна, тиштен кийин аш кайда.
Туулганына сүйүнбө, турарына сүйүн.
Улук болсоң, кичик бол.
Аракет кылсаң, берекет болоор.
Эсиң барда этегиңди жап.
Сезимге жеңдирбей, акыл калча.
Калп айтып, ырыс кеспе.
Атаны кудайыңдай тааны.
Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
Атага акарат кылба.
Карынын сөзүн капка сал.
Тең туугандын жаманы болгончо, ак буудайдын саманы бол.
Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, душманыңдын бычагы менен кийиз кес.
Адам башы көпүрө болсо – аттабагын.
Досуң бергендин тишин ачпа.
Бирөөгө күлсөң, өзүң ыйлаарсың.
Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер. Көрүнгөн тоону бийик дебе, Аракет кылсаң чыгасың. Көрүнгөн жоону шер дебе, Аракет кылсаң жыгасың.
Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө. Сөз уккандан үмүт кыл,
Сөз укпагандан ыраак жүр.
Колдон намыс кетиргенче, канжыгадан баш кетсин. Көзү сокурга жолук,
Көкүрөгү сокурга жолукпа.
Ак ойлоп, адал иште.
Балды сүйсөң, аарынын ачуусуна чыда.
Жаңы үй курбай туруп, эски үйүңү уратпа.
Башың булутта болсо да, бутуң жерде экенин унутпа.
Саламдашпай сөз баштаба.
Суу көтөргөн баканды аттаба.
Темирге заара кылба.
Түн ичинде мал сойбо.
Караңгыда ак сураба. Ооз-кесир сүйлөбө.
Адамга бычак кесебе.
Караңгыда үй шыпырба.
Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба.
Түндөсү түш жоруба.
Балаңдын ыйманын жашынан тиле.
Жайнамаз менен супураны тепсебе.
Бешикти кур терметпе.
Бышкан ашты таштаба.
Күйгөн отко түкүрбө.
Кыбыланы тээп жатпа.
Баш кийимди ыргытпа.
Алыс сапар аттанаарда нандын четинен ооз тий.
Мылтыкты аттаба.
Алган чачыңды тебелендиге таштаба.
Эки кишинин ортосунан өтпөй жүр.
Ээн талаада түнөп калсаң, айланаңды бычак же маки менен чийип кой.
Баш кийимди жоготпо жана сатпа.
Чоң жолдо жаткан буюмду алып, четке койсоң соопко каласың.
Кайчыны эшиктин башына илбе.
Бут кийимди төргө койбо.
Эшикти тээп ачпа.
Боюнда бар аял капка олтурбайт.
Уктап жаткан бала үйдө жалгыз калса башына, жаздыгынын алдына бычак же нан коюп кой.
Досуңдун үйүндө тырмак алба, касыңдын үйүндө чач алдырба.
Боюңду карыштаба.
Босогого туруп бой кербе.
Бирөөгө чайды, тамакты оң колуң менен узат.
Беймарал убакта оорулууну сурап барбайт, бала көрбөйт.
Үй ичинде ышкырба, үйдү айлана чуркаба.
Мойнуңа куруңду салба.
Намаз шамда жатпа.
Сорол убакта уктаба.
Бирөөнүн кайгысына кубанба.
Бирөөнүн буюмуна көз артпа.
Бейитти колуң менен көрсөтпө.
Мал короого даарат ушатпа.
Нанды көмкөрөсүнүн койбо.
Жер таянып олтурба.
Тырмагыңды отко салба.
Түштү жаманга жорубай, жакшыга жору.
Тулганы теппе.
Өлгөн жерге барганда оорулуунун абалын сураба.
Аркан чыйратып атканда түбүнөн өтпө.
Ат жалына бут чыгарба.
Баланын таманынан өппөйт, сынык күзгүгө көрүнбөйт.
Кишиге көңүл айтып келатып башка үйгө кирбе.
Таңкы насипти таштаба.
Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка калтырба.
Эртең менен жаман сүйлөбө.
Туткучту тебелебе, бутуң оорукчан болот.
Кыбыланы, күндү, көрүстөндү карап даарат ушатпа, ал жакка бутуңду сунуп жатпа.
Жатаарда бата-тилек кыл:
«Жаттым тынч, жаздыгым кенч, Тилим куран, тилегеним ыйман».
Балээге башыңды катпа.
Дүнүйөдө нан улук, кор кылба.
Жылкыңа карап ышкыр.
Сезимге жеңдирбей акыл калча.
Ачууга алдырба.
Мөмө берген даракка таш ыргытпа.
Арамдыктан алыс болсоң, сенин колуңдан келбес жакшылык жок.
Жамандын мырзасы болгуча, жакшынын малайы бол. Кан койнунда калтырап жатканча, кул койнунда кутуруп жат. Астыңда атың жакшы болсо, алысты жакындай көр. Жаманга башчы болгуча, жакшыга кошчу болгун. Ачуу – шайтан, акыл-дос, акылыңа акыл кош. Жолобогун ар уяттан безгенге, миң-миң алкыш ариетти сезгенге.
Таалайыңды коргосоң, жаман сөздү колдонбо.
Айтылбаган сөздөрүң алтын сымак.
Жолдун тегизин бил, сөздүн негизин бил.
Абийир үчүн ак жүр, алыш-беришке так жүр.
Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка. Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн, акмакты өзүнөн түшүнбөй, элден түшүн.
Адам жок жерде кеп кылба.
Ажыдаардын куйругун баспа, башын бас.
Ажырагыс карындашыңа унутулгус сөз айтпа.
Ажырашаар досуңа көңүл калаар сөз айтпа.
Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
Азамат болсоң шаңдуу бол, атың ким деп сурасын.
Азганды кууп, тозгонго жолукпа.
Азды жок дебе, барды көп дебе. Аз сүйлөсөң элиңе жагасың, көп сүйлөсөң бир балээге каласың. Айга кол сунба, момунга чоңсунба. Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
Айыл башы болгуча, суу башы бол.
Акылды акылмандан сура.
Аланын изин баспа.
Алга бир карасаң, артка беш кара.
Алтымышка чыккан атаңды алыс жолго жибербе.
Алтын албай, алкыш ал.
Арпа сээп, буудай алат дебе.
«Ата болдум» – деп мактанба, «адам болдум» – деп мактан.
Ачкага аш бышыртпа, үшүгөнгө от жактырба.
Ач калганда ток болууну унутпа, ток болгондо ач калууну эсте.
Ачканы аш менен коркутпа.
Ачыксаң алданы айт, тойсоң топук кыл.
Ашыгып айтсаң да, ашырып айтпа.
Баланы ырайына жараша ат кой.
Башканын кайгысына кубанба, бактысына кубан.
Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач.
Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско бербе.
Билгенди айтуудан тартынба.
Билген жолуңду атаңа бербе.
Бирге билиш болгуча, миңге тааныш бол.
Бир ирет даам таткан жериңе миң ирет салам бер.
Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң секирип чыгарга.
Бирөөнүн бетине түкүрсөң, өз көзүңө тыпын түшөт.
Бирөөнүн кеңешин ук, бирок өз күчүңө ишен.
Битке өчөшүп, тонуңду отко жакпа.
Болсоң болоттой бол.
Бөөдө каргыш өзүңө тиет.
Бузуку менен муңдашпа, түптүү менен тирешпе.
Бүгүн бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба. Өз колуңдан келүүчү ишти бирөөгө тапшырба.
Бүгүн чачылсаң, эртеңден үмүт үзбө.
Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.
Даражаң көтөрүлгөн сайын кичи пейил бол.
Душман буйруса барба, дос буйруса калба.
Душманга жаныңды берсең да, сырыңды бербе.
Душманга таба, доско күлкү болбо.
Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны.
Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.
Душмандын чырагына май тамызба.
Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
Бактылуу болом десең башкаларга көз артпа.
Жакшыга жанаш, жамандан адаш.
Жакшыны уккуң келсе, жаманды айтпа. Жакшы уктагың келсе, жатаарда тоё ичпе, Болбосту ойлонуп капага түшпө.
Жалындуу жаштык кезиңде жазгы суудай ташкында.
Жаманга жалынба, жакшыга таарынба.
Жаманга өчөшпө.
Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө.
Жамандын сөзүн талашып, жакшы менен жат болбо.
Жаман менен жолдош болбо, наадан менен сырдаш болбо.
Жан бергендин жанына турба.
Жарды болсоң ардуу бол.
Жардыга таарынба.
Жармага таарынып, бирөөгө жамандык издебе.
Жатка жанашып, өзгө кара санаба.
Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
Жолдон чыксаң да, көптөн чыкпа.
Жолдош болбо коркокко, Жүк артпагын торпокко, Иш кылдырба чоркокко. Жоо келгенде баатыр бол, Доо келгенде акыл бол.
Жорго минген менен жолдош болбо, Жоболоңдуу менен айыл конбо.
Иш кылсаң артын ойло. Кайрылгандан айрылба.
Келбети келгенден кеңеш сура.
Кечүү билбей кечпе, адамдын сырын билмейинче ишенбе.
Кичинеге чоңсунба, асманда айга кол сунба. Тулпарды тогунда сынаба, ачында сына, ай-ааламдагы элдердин кашында сына. Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына.
Канжыгадан баш чечишкен,
Карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
Түсү ийгиден түңүлбө.
Улуу-кичүүнүн кадырын билемин десең: Агыны катуу суудан кеч, Ашуусу бийик тоодон аш.
Үнүң жетпес жерге кыйкырба, Үйүңдү тикпес жерди шыпырба.
Чаап айтканча, таап айт.
Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө.
Чабалекей менен шилекей алышып достош.
Чакыргандан калба, өзүң басып барба.
Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич.
Эңкейгенге эңкейгин – башың жерге тийгенче, Чалкайганга чалкайгын – төбөң көккө жеткиче. Эртең мененки насиптен калба, кечки насипке барба.
Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба.
Колуң менен иштебей, оозуң менен орок орбо.
Конгон жерге коргол сал, түнөгөн жерге түркүк как.
Конооруңдан мурда конушуңду камда.
Корооңо сак бол, коңшуңду ууру тутпа.
Көбүнө шүгүр, азына канаат кыл.
Көңүлдүү коңшуга ызалуу сөз айтпа. Кулаалыдай салпактап миң жыл өмүр сүргөнчө, барчындай асманда чалкып, бир жыл өмүр сүр.
Күчүңө ишенбе, ишиңе ишен.
Мал сактаба, ар сакта.
Малдын төлүн күзүндө сана.
Миң жаманга башчы болгуча, бир жакшыга кошчу бол.
Ооздон кан чыкса да душманга ырыңды ырдаба.
Орду жок сөзгө ооз ачпа.
Ороздуу менен оттош бол, ырыстуу менен жолдош бол.
Отуз өлчөп бир кес.
Отун албаганга от жактырба.
Өз башыңды доого берсең да, жолдошуңду жоого бербе.
Өз Мекениңди көздөй сакта.
Өзүңдү өзүң мактаба, эл мактасын.
Өлүүлөр жөнүндө оң сүйлө, болбосо үндөбө.
Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт.
Өткөнгө өкүнбө, жетпести кууба, кеткенге кейибе.
Тикенди түбүнөн үз.
Ушакчыдан узак кач.
Куттуу үйдөн куру чыкпа. Ачуу тилге арданба,
Таттуу тилге алданба.
Кеңешкендеги кебиңди керишкенде айтпа.
Жакшыны көрүп пикир кыл. Жаманды көрүп шүкүр кыл. Жамандын жанын сактагыча, жакшынын кадырын сакта. Жаманга кеп айтам деп, сөзүңдү айып кылбагын. Ала чаар жыландан коркпо, ала адамдан корк. Атаңа наалат айттырба, апаңа каргыш келтирбе. Жерге карап эгин эк, адамга карап салам бер.
Кечинде ойлон, эртең менен ишке кир. Кыш камын жазда ойло. Күйпөлөк тарткан жигитке, Күндө жолдош болбогун.
Жолго чыксаң – жолдошуң өзүңдөн жакшы болсун. Күлбө досуңа, келээр башыңа. Көзүң ооруса – колуңду тый, Ичиң ооруса – оозуңду тый.
Сааныңды камдаба, сабааңды камда. Талпак салганга талпак сал, олпок салганга олпок сал.
Желдүү боз баланы жеткире мактаба.
Пейил күтсөң, бертик бергенди унутпа.
Жүзүмүн жеп, багын сураба.
Бөдөнөнүн жатагын көрүп, этине таарын. Эртең менен жолуң болсо, Кечке чейин текиреңиңден жазба. Дөшү болсоң чыда, балка болсоң сок.
Катып олтуруп казы жегиче, кайкайып отуруп сарымсак же. Жаманды жаныңа жолотпой айрыл, жакшыны изде, артыңа кайрыл.
Акылды акылмандан сура.
Жаманды унут, жакшыга тартыл.
Сөз айтпагын болбоско, суу куйбагын толбоско.
Сөзгө сөйкөнбө, кепке кептелбе.
Сөздү сөздө, артык көздө.
Сөз келсе – де, аш келсе – же.
Сөз угарың болбосо, сүйлөбөгүн бекерге.
Сөздөн мурун укканды үйрөн.
Конгон жерге коргон сал, түнөгөн жерге түркүк как.
Конокко колуңда болгонду бер.
Душманды жок дебе – көзүнөн байка, сөзүнөн байка.
Кыраакы кылдат бол, кастыктын айласы мол.
Касташсаң да кастын намысын кордобо.
Душманга таба, доско күлкү болбо.
Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
Душманды мактаган досуңдан сак бол.
Душманың суу берсе, досуңдай көр.
Досту күт, бирок досуңдун досу бар экенин унутпа.
Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
Жигиттин өзү жакшы болсо, тегин сураба.
Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара. Ашына болбо акмакка,
Сырыңды айтпа нааданга.
Жанашпагын жаманга.
Жашоонун шаанисин, сөздүн маанисин танда.
Эрден безсең да, элден безбе.
Эрте туруп Күнгө таазим эт, салам бер.
Отту теппе, шамалды сөкпө.
Күйүп аткан отко куралды жалаңдатпа.
Бычактын мизин өйдө каратып койбо.
Нан ырыскың, туз насибиң таштаба.
Жалгыз даракты кыйба.
Куу сөөктү кармаба.
Адал, ак жаша, адептүү бол.
Бар-же жокко каниет топук кыл.
Пейлиңди оңдо.
Ыймансызга мал сойдурба.
Өз үйүңдө союлган малдын башын бирөөгө көтөртүп ийбе.
Арам ойдон, арамдыктан кач.
Карыларга өбөк, кичүүлөргө жөлөк бол.
Көзүң жетип турса да, дайыма эле оюңа келгендей иш кылба.
Ар ишти ойлонуп башта, оңунан аякта.
Кембагал болбо, жаның аман барында көз каранды болбой жаша.
Мансабың, зоболоң жогору болсо да, бирөөгө зор болбо, зордук-зомбулук кылба.
Адамдын шагын сындырып, өзүңө душман кылба.
Кайраттуу, сабырдуу, көтөрүмдүү бол.
Жакшынын сөзүнө жооп бер, жамандын сөзүнө жооп бербе.
Ата-баба салты, акыл сөздөрүн жолдо, ула.
Жакшыдан кол үзбөй, жаманга күнүң түшпөгөндөй болуп жаша.
Элдин кадырлоосуна жетем десең адамга жакшылык кыла бил.
Чагым сөзгө кулак төшөбө.
Бир адамды жек көрсөң, анын укум-тукумун, жекжаатын жектебе.
Сөзүнө, убарасына турбаган адамдан сактан.
Өз оюңдагыны бербеген көк болбо.
Оор жүгүңдү, жүрөк өйүгөн дартыңды, муңуңду эч кимге айтпа.
Ууру кылба, ушак сүйлөбө, ит өлтүрбө.
Кулдук уруп кур сөзгө купшуңдабай, тур сөзгө.
Жесирлерге жөлөк бол, жетимдерге көмөк бол.
Адамзат шагын сындырып, өзүңө душман кылба.
Нан ырыскың – аны тепсебе, жаман дебе, ыргытпа.
Нандын күкүмүн шыпырба (ырыс-насибиң кемийт).
Нанды көмкөрөсүнөн койбо, бир колдоп сындырба.
Туз – насибиң, аны тепсебе; алыска жол жүрөрдө туз таты.
Тамакты алгач өзүң ооз тий, насиптин алдын башкага бербе.
Эр жигит атка коном десең, кайраттуу да, сабырдуу да, көтөрүмдүү бол.
Алыска аттанарда ачууланба.
Чайыңдын түбүн төкпөй ич, ырыскыңдан айрыласың.
Колуңду жууганда силкпе, ырыскы качат.
Булак башын булгаба ыйык сакта.
Суу көтөргөн апкөчтү (баканды) аттаба.
Саламдашпай туруп сөз баштаба.
Отурган ордуңду, конгон журтуңду тазалап кет.
Отургандарга дайыма салам айтып өт.
Бирөөнө чайды, тамакты оң колуң менен узат.
Конуп калган коногуңа эртең менен: «Жакшы жатып, жай турдуңузбу?» – деп айт.
Жакшыдан кол үзбөй, жаманга күнүң түшпөгөндөй болуп жаша.
Жаңы журтка сыйын.
Бар туруп, жок дебе.
Сабадагы кымызды ооз тийбей, башка бирөөгө бербе.
Үйгө кирип чыкканда босогону биринчи оң бутуң менен аттагын.
Тамакты дасторконсуз ичпегин.
Акты атынан айтпа. Мисалы, ак түстөгү малды «кызыл ат», «куу ит» деп терге.
Өз баш кийимиңди бирөөгө бербе.
Ток болсоң да томукту мүлжү, ач болсоң да чүкөнү мүлжүбө.
Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак менен же маки менен чийип кой.
Келин алган тарапка малдын башын тартпа.
Кечинде тырмагыңды алба. Өзүңдүн чачыңды кыркпа.
Жердин бетине мык какпа.
Жер таянып олтурба.
Колду салаалаба, бутту учкаштырба.
Оң жамбашың менен жат.
Жаман түш көрсөң сууга айт, суу менен агып кетет.
Түнүчүндө түш айтпайт.
Кечинде карызга акча бербе.
Айыл ичине атчан чаап кирбе.
Камчыңды дайыма керегеге илип жүр.
Бышкан ашты таштаба.
Кемегени теппе.
Бут кийимди, шымды башка жаздаба.
Алдырган чачыңды тепсендиге таштаба, бак түбүнө көөмп кой.
Үйүңдүн дубалын теппе.
Улууларга биринчи салам айт.
Жакын адамыңа бычак тартуулаба.
Улуулардан сөз талашпа.
Тамакты сурап бербе.
Кишиге иңирде көңүл айтпа.
Ооз кесир сүйлөбө.
Адамга жакшылык кылууну унутпа.
Бычактын учун өзүңө каратып башкага сун.
Улуулардын алдында бутуңду сунба, жамбаштап жатпа, кыйкырып сүйлөбө.
Ар ишти ойлонуп башта, оңунан аякта.
Жаның аман барында бирөөгө кор болбой, көз каранды болбой жаша.
Карынын сөзүн капка сал, капка батпаса арта салып атка сал.
Өзгө, жатка калыс бол, арамдыктан алыс бол.
Бирөөнүн үйүнө курал-жарагыңды, камчыңды ала кирбе.
Бирөөгө жакшылык кылсаң, ал акыры өзүңө кайрылып келет.
Уулуңду сөз менен эмес, өрнөк менен үйрөт.
Конордон мурда конушту камда.
Алдан айрылсаң да, ардан айрылба.
Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа.
Жашыңдан жаман жолго баспагын, адамдык сапатыңды сактагын.
Ооз-кесир сүйлөбө.
Жаның барда жашып өмүр сүрбө, жакшы, жалындуу өмүр сүр.
Жааны аттаба.
Досуңдун үйүндө тырмак алба, касыңдын үйүнөн чач алба.
Чабырга арпа бербе, акылсызга кыз бербе.
Улуу сүйлөсө башыңды салып ук.
Ата-бабанын арбагына сыйын.
Улук болсоң кичик бол.
Жер-сууну ыйык тут.
Улууну сыйлабагандан урмат күтпө.
Намыскөй бол, аны өлгөнчө колдон чыгарба.
Улууга өйдө карап сүйлөбө.
Салт-наркты сакта, аны коргой бил.
Антты бузба, ата кегин ал.
Кесирленбе, сынтакпа – ал айланып өз башыңа тиет.
Ниетиң оңолсо оюң да, сөзүң да, ишиң да оңолот.
Амандашпай, ал-жай сурашпай сөз баштаба.
Алы жокко айбар бол, ашы жокко айран бол.
Тамак ичерден мурда нандан ооз тий.
Үйүңө келген кишини эшикке чыгып тосуп ал, атын ал, чөп сал, өзүн үйгө кийир.
Конокко коюлган даамдан адегенде өзүң ооз тий.
Жети атаңды санай бил, билбесең кулсуң.
Топту карай таш ыргытпа. Эл салтын сыйла.
Туулган жерге тууңду тик.
Жамандыкка малынба.
Кумурсканын уюгуна жыгач салба.
Кыйнап минген атыңды муздак сууга сугарба.
Өткөн ишке өкүнбө, кеткен ишке кейибе.
Аз сүйлө, саз сүйлө.
Эл-жерге жат болбо.
Жерди өрттөбө, көрктө.
Эл эп көргөндү сен жек көрбө.
Өнбөс доону доолаба, өлбөс жоону жоолаба.
Калыптан безсең да, калктан безбе.
Жалгыз жүрүп жол тапканча көп менен бирге адаш.
Дооруңа доомчу болбо.
Зайыбыңа таарынып, заманага акарат айтпа.
Кезеги келсе кетмен чап, орою келсе орок ор.
Замандын жаманы болбо, адамы бол.
Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо.
Көпкө топурак чачпа.
Эр болсоң көк бол, айткан сөзгө бек бол.
Эрден безсең да, элден безбе.
Айтканыңан жазба, алдыңан жоо чыкса кайра качпа.
Коёнчо коркуп жашаганча, бүркүтчө өмүр сүр.
Эр өлтүрүп, эриш бузба.
Ок жетпес жерге кылыч суурба.
Келген жериңден кеткен жериң аруу болсун.
Үйүңө келгенде үйдөй арманыңды айтпа.
Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
Малдан жарды калсаң да, акылдан жарды калба. Көйнөгүңдү кооздобой, акылыңды кооздо.
Арам ойдон алыс жүр, алып келбейт жакшылык.
Ойлонбой иш баштаба, баштасаң таштаба.
Иттен көлөкө талашпа.
Ителги салба, кепил алба. Күчүңдү күлкүгө кетирбе.
Башың болсо булутта, бутуңдун жерде экенин унутпа.
Башыңдын айыбын башкага артпа.
Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө.
Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбо.
Көптү көргөндөн сөз оку, көөнөрбөс кылып бөз току.
Оозу бошко ооз ачпа.
Келестин кебин элес алба.
Суу кечпес кепти сууга сал.
Адамды өзүнөн баалаба, сөзүнөн баала.
Баба тилин барк ал.
Динден кечсең кеч, тилден кечпе.
Алтын албай – алкыш ал.
Сөз угарың болбосо – сүйлөбөгүн бекерге.
Тилим бар деп ой келди сүйлөй бербе.
Улуунун сөзүн ук, кичүүгө жеткир.
Улуунун сөзүн урматта.
Башта өзүң үйрөн, анан башканы үйрөт.
Эл үчүн жашагың келсе, элден үйрөн. Билимдүүдөн акыл сура.
Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе.
Билим жыйбай бийиксинбе.
Ала тонуңду аңтара кийбе.
Билегиңе сыйынба, билгениңе сыйын.
Акылын бергенди бийик тут, ак сүтүн бергенди ыйык тут.
Баладан бата аяба, балатыга балта урба.
Жардыдан жардамыңды аяба, жесирге кесир айтпа.
Жетимди ызалаба, жесирди кубалаба.
Кайрылар орунга какырба.
Дарыя жанынан кудук казба, кайтып кирер эшикти катуу жаппа.
Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
Улагадан орун тапсаң, төргө чыкпа.
Эшик көргөндү алба, бешик көргөндү ал.
Көзү сокурдан коркпо, көңүлү сокурдан корк.
Жыгылып жатып мүдүрүлгөнгө күлбө.
Кашыктап жыйнаганды чөмүчтөп төкпө.
Даам таткан жериңе какырба.
Бактылуу болом десең, башкага көз артпа.
Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин баркын бил.
Адеби жоктун аты-жөнүн сураба.
Миң сөз айтканча бир ишти кыл.
Алганга кыныкпа, абийирден сыныкпа.
Өз башыңды доого берсең да жолдошуңду жоого бербе.
Арыңа улук болсоң – жарыңа тунук бол.
Арыңды ардактай бил.
Жыйганыңды жоготсоң жогот, ыйманыңды жоготпо.
Оорулууга оор айтпа.
Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
Күйүттү күлүп ызала, кырсыкты эмгектенип табала.
Сүйгөнгө баш кошсоң – бактың, сүйбөгөнгө баш кошсоң – азабың.
Көкүрөк дадил курч кезде, көп өнөргө шыктуу бол.
Аялың жаман болсо – картайтат, жакшы болсо – жашартат.
Акылсыз болсо алганың, айыкпас дартка калганың.
Аялды карайлап алба, абайлап ал.
Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырба.
Мал сактаба – ар сакта.
Көрпөңө карап бутуңду сун.
Малдан жарды калсаң да, акылдан жарды калба.
Мазарга мал жайба.
Жакшы менен дос болсоң оозуңа аш тиет.
Малды малдай асыраба, жандай асыра.
Кайрылгандан айрылба.
Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
Ата-эненин кадырын балалуу болгондо билерсиң.
Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан упа көрөсүң.
Атаңа наалат айттырба, апаңа каргыш келтирбе.
Карыдан тек сурабай, кеп сура.
Улуулардын улагасы бол, кичүүлөрдүн төрагасы бол.
Өлө жегенче бөлө же.
Балаңа кол көрсөтпө, жол көрсөт.
Балаңды эрке кармаба, эрте карма.
Сурап бергенче уруп бер.
Тийбегенге тийишпе.
Жолдо жүрсөң жортуп жүр.
Жолго чыксаң жолдош изде.
Кан жолго какырба, каралууга катылба.
Кан жолго каргыш айтпа.
Теңине албагандын тегерегине жолобо.
Мейманды мээрим менен күт жана узат.
Коногуңдун алтынын алба, алкышын ал.
Кишиге көр казсаң кең каз, өзүң кошо батканга.
Билбесең билгенди ээрчигин.
Өзүңө урунбай, өзгөгө жарык кыл.
Көптү үмүт кылып, аздан куру калба.
Кичинеге чоңсунба, карыганга тыңсынба.
Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө.
Улууну урматта, кичүүдөн иймен.
Жакшы менен жолдош болсоң жетерсиң муратка, жаман менен жолдош болсоң каларсың уятка.
Жаш күнүңдүн ыраатын жаштыгыңда сүрүп өт.
Жаман салтты колдобо, жаманды жандаба.
Жакшыга жанаш, жамандан адаш.
Адам болсоң – адал бол.
Адамзатка пастык көрсөтсөң да, кастык көрсөтпө.
Адамдан жамандык издебе, адамдык изде.
Жакшынын көңүлүнө жара салба.
Жаралуу адамга санаалуу сөз айтпа.
Карашар тууганыңды адашар жолго салба.
Кишиге сыйынба, ишиңе сыйын.
Кыйбаган кишиге сыйбаган сөз айтпа.
Ачууга алдырба, санаага жеңдирбе.
Безери барды бел тут.
Жакшы болом десең жакыныңа жан тартпа.
Жакшынын жогуна каралаш, барына аралаш.
Жоругу жакшыны жолдош кыл.
Санаасы карадан сак жүр.
Түздөн чочуба, түнттөн чочу.
Тирүүлүктө күдөрүңдү үзбө.
Шылтоосу көпкө шынаарлаба.
Каргыш албай алкыш ал.
Жакшыны көрүп пикир кыл, жаманды көрүп шүкүр кыл.
Жакшылык кылганга касчылык кылба.
Жакшылык кылуудан жаныңды аяба.
Ийри отурсаң да түз сүйлө.
Жакшылык кылсаң жандырмагын күтпө.
Жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же.
Жаманга башчы болгуча, жакшыга кошчу бол.
Жаманга айтпа сырыңды, жакшыга айткын чырыңды. Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол.
Башыңдан жамандык өтпөй, бакыттын баркын билбейсиң.
Жээриңди майда чайна, айтарыңды мыкты ойлон.
Жакшылык болбогон жерден чындыкты издебе.
Адамды кордобо, акмакты бордобо.
Жаман түштү жакшыга жору, жакшыны жамандан кору.
Азыраак сүйлөп, көп тыңша.
Жаманга кол берсең да жол бербе.
Азыраак айтып көп иште.
Жаманды сөз кылба, ууруну көз кылба. Ырайы бузуктан ыракат күтпө.
Жаманга жалынба, жакшыга таарынба.
Жаманды жакынга санаба, жаман жолду жакынга санаба.
Жакшынын сөзүн жанчыгыңа сал.
Агайындын кадырын жалалуу болгондо билерсиң, атаэненин кадырын балалуу болгондо билерсиң.
Жоого жалынба, доско таарынба.
Сүйлөгөндү сүйсөң, укканды үйрөн.
Мансап үчүн сүйбө, мал-мүлк үчүн достошпо.
Сындалган досту сыйлай жүр.
Жакшы көргөн досуңдан ат аянба.
Душман буюрса барба, дос буюрса бар. Арам санаа болбогун, алгандан алтоо болбойсуң. Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
Касыңдан бал жегенче, досуңдан суу ич.
Кастык кылганга пастык кылба.
Кемден теңтуш күтпө, теңден теңтуш күт.
Пир туткан досуңду кир тутпа.
Кыйбас дос менен сыйлаш.
Ачынганга мал көрсөт, адашканга жол көрсөт.
Жатка сырыңды айтпа, өзүңө калп айтпа.
Эмгектен качпа, ырыскыңды чачпа.
Башыңды ийип элден сураганча, башыңды көтөрүп жерден сура.
Чоң иш бүтүрөм десең майдадан башта.
Бийик тоонун чокусуна бир күндө басып чыгам дебе.
Ырахат издесең мээнетинен коркпо, кубаныч издесең кайгысынан коркпо.
Кулча иштеп, бийче же.
Суу кудукка сыйын.
Булак көзүн керсөң ач.
Ата баласы болбосоң да эл баласы бол.
Эрте жат да эрте тур, бир кетменди ашык ур.
Агайынды жат көрүп, тууганды кайдан табасың, аргымакты жаман деп, атты кайдан табасың.
Кыштын камын жазда ойло.
Кырдан жел кууба, суудан балык кууба.
Бакты жемишинен тааны, кишини ишинен тааны.
Баркыңды билбегенге барба.
Сууга таянба жерге таян, көлгө таянба төөгө таян.
Бир күнкү таанышка миң күнү салам айт.
Эгин чыкпайт деп жерди жерибе, алтын чыкпайт деп кенди жерибе.
Кирбей туруп чыгарыңды ойло, иштебей туруп иштериңди ойло.
Күчүңө ишенбе, ишиңе ишен.
Кулча иштеп, бийче отур.
Отуз өлчөп, бир кес.
Буюрбаган аштан үмүт этпе.
Тилегиңе жеткенче тизгин жыйба.
Чечинип иштебе – чечилип иште, бекинип иштебе – берилип иште.
Эмгек этпесең элге таарынба, эгин экпесең жерге таарынба.
Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен.
Тойдон насип буюрбаса да, наар кыл.
Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны.
Толбоско куйба, тойбоско бербе.
Түкүрбө иче турган ашыңа, кесири тиет башыңа.
Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла.
Алкымы бузулгандан алыс жүр.
Жарыбагандан жарма ичпе.
Ачка казан астырба, тоңгонго отун жактырба.
Жакшылыкты досуңа кыл, досуңан артса өзүңө кыл.
Итти жоош деп жакын барба.
Иттен качып бөрүгө кабылба.
Итти каппайт дебе, акмакты сатпайт дебе.
Түлкү артынан жүрүп күлкүгө калба.
Ордолуу жыланга тийбе.
Колдон учкан кушуңду конор дебе, колдон кеткен кутуңду болор дебе.
Бай болсоң магдыраба, жарды болсоң мөгдүрөбө.
Досуңдан сырыңды жашырба, душманыңды башыңан ашырба.
Жакшыга жанаш, жамандан адаш.
Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич.
Байлыкты жакыныңдан издебе, акылыңдан изде.
Мансап үчүн сүйбө, мал-мүлк үчүн достошпо.
Бар деп чача бербе, жок деп айта бербе.
Барда ташыба, жокто жашыба.
Жарды болсоң, ардуу бол.
Ойлонбой сүйлөсөң, оорубай өлөсүң. Ач калганда ток болууну унутпа, ток болгондо ач калууну эсте.
Жетеси жокту жетелебе.
Жоксуз болсоң жол изде.
Ороздуу менен оттош бол.
Эстүүнү үйрөт, ооруну дарыла, жалкоону очокко жакын жолотпо.
Атың чыкпаса жер өрттө.
Өзгөгө өбөк болгончо, өзгө төшөк бол.
Корооңо сак бол, коңшуңду ууру тутпа.
Акмак менен аш ичпе.
Малым азайды деп чөкпө, малым көбөйдү деп көппө.
Акмактан акыл издебе, жаттан жакын издебе.
Акмактын сөккөнүнө ишен, өпкөнүнө ишенбе.
Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.
Акылдуунун каргышына калба, акмактын алкышын алба.
Дөөрүктү топко жолотпо, дөдөйдү отко жолотпо.
Акмактан дос күткөнчө, акылдуудан душман күт.
Өнөрүң болсо өргө чап.
Күлүшүнөн жүрүшүн баала.
Күйүттү күлүп унут.
Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен байлашпа.
Сараңдын айранын ичпе.
Ач көздөн акыл сураба.
Карыдан жаш сураба, сараңдан ат сураба.
Жабыгып жүргөн жигитти жакырсың деп кордобо.
Ташыркаган бууданды баса албайт деп болжобо.
Өмүрдөн жамандык күтпө, өлүмдөн жакшылык күтпө.
Жалдырап миң күн жашаганча, жалтанбай бир күн жаша.
Өмүрлүү болоюн десең, мээримдүү бол.
Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба.
Бирөөнүн кусаматына калба.
Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт.
Өлалбай атып өлөң айтпа.
Өлгөнгө кейибе, тирүүлүгүңдү тиле.
Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген, балбан болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн.
Адамга адал бол, арамга залал бол.
Уста барда колуңду тый, молдо барда тилиңди тый.
Уялбагандан өзүң уял.
Өткөн күндүн өкүнүчүн өмүр өтөрдө билесиң.
Бирөөнүн малына сук артпа.
Күл, убайсыз өмүр сүр.
Кайыкка түшсөң, кайыкчы менен касташпа.
Билбеймин дебе, үйрөнөйүн де.
Аздын сурнайчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
Оң колуңдун ачуусу келсе, сол колуң менен карма.
Кадырыңды билгиң келсе, кошунаңдан акча сура.
Жалгаймын деп үзүп алба, түзөймүн деп бузуп алба.
Алдыда аш келсе, атаңдын кунун кеч.
Көтөрө алгыс чокморду белиңе байлаба.
Көзүңдү ачканга көр казба.
Эл менен эрегишпе, эр менен жоолашпа.
Артыңды карап таазим кыл, алдыңды карап билек түр.
Сөөмдү жакын көрүп, карышты ыраак көрбө.
Бирөөгө бой көтөрбө.
Кудукка түкүрбө, суусу керек ичүүгө.
Башыңа тоо түшсө, чымындай көр.
Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.
Бычакты өзүңө ур, оорубаса башкага ур.
Темирди кызуусунда сок.
Жамандан жазган, иттен иймен, элиңди сүй.
Ачууңду ачууга жеңдирбе.
Кыжырың келсе кыл чайна.
Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так, Акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.
Оозуңду куу чөп менен аарчыба.
Көлөкө жерден жем издебе.
Атаңды көргөндөн акыл сура.
Төшөгүңө карап бутуңду соз.
Жол жүргөндө улуудан озбо.
Чылпагын алам деп көзүн оюп алба.
Сүйлөшүп аткан сөзгө кыпчылба.
Колуңдан келбес бир ишке, кор болуп жүрөк дегдетпе.
Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин.
Өткөн ишке өкүнбө.
Кылды бакандай кылып көрсөтпө.
Санаа менен байып, убайым менен карыба.
Досуң бергендин тишин ачпа.
Кежир болбой кең бол, улуу-кичүүгө тең бол.
Кекчил болбой эпчил бол.
Темирди кызуусунда сок.
Кийин келип төр меники дебе.
Тизеңди жазданба.
Корооңо коргон урганча, коңшуң менен таттуу бол.
Көңүлдүү коңшуңа ызалуу сөз айтпа. Тишиң барда таш чайна, тиштен кийин аш кайда.
Тапсаң сүйүнбө, жоготсоң ыйлаба.
Адам башы көпүрө болсо аттабагын.
Кумурсканын уюгун чукуба, аарынын уюгуна тийбе.
Маңдайы жарыктан түңүлбө, күн көрүнүп жаагандан түңүл, күлүмсүрөп сүйлөгөндөн түңүл.
Туулганына сүйүнбө, турарына сүйүн.
Эмне иш кылсаң да алды-артыңды кара.
Сезимге жеңдирбей, акыл калча.
Бирөөнүн кырсыгына кубанба, өз башыңа да келет.
Калп айтып, ырыс кеспе.
Эбин билбесең эптей албайсың.
Жалындаган отту үйлөп өчүрө албайсың.
Тең туугандын жаманы болгончо, ак буудайдын саманы бол.
Шатыны үстүнөн шыпыр.
Балта керек жерге, бычак ала чуркаба.
Ыксыз бой көтөрбө.
Өрттү ый менен өчүрө албайсың.
Жылкыңа карап ышкыр, мурдуңа карап бышкыр. Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, Душмандын бычагы менен кийиз кес. Көрүнгөн тоону бийик дебе, аракет кылсаң чыгасың. Көрүнгөн жоону шер дебе, аракет кылсаң жыгасың.
Бирөөгө күлсөң, өзүң ыйларсың.
Барга каниет кыл, жокко сабыр эт.
Жүзүмүн жеп, багын сураба.
Жакшыны уккуң келсе, жаманды унутпа. Сөз уккандан үмүт кыл,
Сөз укпагандан ыраак жүр.
Дөшү болсоң чыда, балка болсоң сок.
Өзүңдү тааныбасаң да өзгөнү тааны.
Катып отуруп казы жегиче, какайып отуруп сарымсак же.
Жаманды жаныңа жолотпой айрыл, жакшыны изде – артыңа кайрыл .
Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө.
Колуң жетпесе, колтугуңду созбо.
Колдон намыс кеткенче, канжыгадан баш кетсин.
Ажырашар досуңа көңүл калар сөз айтпа.
Көзү сокурга жолук, көкүрөгү сокурга жолукпа.
Азды жок дебе, барды көп дебе.
Айбанды өңүнөн тааны, адамды сөзүнөн тааны.
Көзү өткөндү жамандаба.
Айга кол сунба, момунга чоңсунба.
Ак ойлоп, адал иште.
Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр. Айлыңды коюп, алыңды бил; өзгөнү коюп, өзүңдү бил. Балды сүйсөң, аарынын ачуусуна чыда.
Алпты жеңсең баатыр эмессиң, ачууну жеңсең баатырсың.
Адамга бычак кесебе.
Аркы өйүздөгү чабышка бул өйүздөн жулунба.
Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе.
Кайчыны эшиктин башына илбе.
Ашыга айтсаң да, ашыра айтпа.
Бирөөнүн кайгысына кубанба.
Аялды ашынан тааны.
Иш баштасаң, ашыкпай аягына чык.
Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско бербе.
Күн чыккан соң уктаба.
Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атарын бил.
Чоң жолдо жаткан буюмду алып, четке койсоң соопко каласың.
Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
Табаа кылба – тобо кыл.
Максатың бийик болсо алдатпайсың, кыялың күлүк болсо карматпайсың.
Бирөөнүн мансабына көз арткыча, өз мээнетиңе ишен.
Туткучту тебелебе, бутуң оорукчан болот.
Битке ачууланып тонуңду отко салба.
Буудай сепсең, бузуп арпа айдаба.
Буюрбаган аштан үмүт этпе.
Астыңда атың жакшы болсо, алысты жакындай көр.
Ачуу – шайтан, акыл – дос, акылыңа акыл кош.
Даражаң көтөрүлгөн сайын кичипейил бол.
Жаш төккөндөн көрө, маңдай тер төк.
Таалайыңды коргосоң, жаман сөздү колдонбо.
Жебести ашка салба, билбести ишке салба.
Жетпести кууба, келбести күтпө.
Айтылбаган сөздөрүң алтын сымак.
Жоболоңдууга жолдош болбо.
Жолдош болбо коркокко, жүк артпагын торпокко, иш кылдырба чоркокко.
Жолдун тегизин бил, сөздүн негизин бил.
Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл. Ишти ыгына карай иште, баланы шыгына карай өстүр.
Абийир үчүн ак жүр, алыш-беришке так жүр.
Кайрылгандан айрылба.
Калыстыкты элге жаса, камбылдыкты эмгекке жаса.
Кара өзгөйгө кабылба, жеңемин деп чамынба.
Көп душманың болсо, көз ирмебес эр болгун.
Көптү көргөндөн сөз оку, көөнөрбөс кылып бөз току.
Тилиңди тишиңе кат.
Ажыдаардын куйругун баспай, башынан бас.
Оор иштен коркпо, оор сөздөн корк.
Оорду жок сөзгө ооз ачпа.
Өзгөгө өбөк болгуча, өзгө төшөк бол.
Өз мекениңди көздөй сакта.
Касташсаң да кастын намысын кордобо.
Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
Азамат болсоң шаңдуу бол, атың ким деп сурасын.
Сөгүп үйрөтпө – сүйлөп үйрөт, окутуп үйрөт.
Азганды кууп, тозгонго жолукпа.
Сүйлөөр сөздөн эринбе.
Сүткордон карыз алба.
Азды жок дебе, барды көп дебе.
Сыйлаганга аш таппасаң, сылык-сыпаа сөз тап.
Сырга – көк, убадага – бек бол.
Айыл башы болгуча суу башы бол.
Таалайлуу менен талашып иш кыл, бактылуу менен байлашып иш кыл.
Таза аба жуткуң келсе – эрте тур, таза өмүр сүргүң келсе – эмгек кыл.
Тар жерден тамак жегиче, кең жерден муш же.
Теңине албагандын тегерегине жолобо.
Тийбегенге тийишпе.
Аланын изин баспа.
Тойдум деп сүйүнбө – сиңерине сүйүн, байыдым деп сүйүнбө – ийгилигине сүйүн.
Тузду даам татканга бер, кызды издеп тапканга бер.
Алга бир карасаң, артка беш кара.
Убакытты уттурганың – ырыскыдан кур калганың.
Улук болсоң – кичик бол, бийик болсоң – жапыс бол.
Калк алдында какшанбай сүйлө.
Улууга сый көрсөтсөң, кичүүдөн урмат көрөсүң.
Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон.
Чаап айтканча таап айт.
Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө.
Эптүү сүйлөп чөгөлөсө, кулдук кылып баш ургун.
Алтын албай алкыш ал.
Күйүттү күлүп ызала, кырсыкты эмгектенип табала.
Шылдың сөздөн сактан.
Жаш күнүңдүн ыраатын жаштыгыңда сүрүп өт.
Туулган жерге тууңду тик.
«Ата» болдум деп мактанба, «адам болдум» деп мактан.
Келген жериңден кеткен жериң аруу болсун.
Эр болсоң аялдай сыланба.
Аз сүйлөсөң элиңе жагасың, көп сүйлөсөң балээге каласың.
Күчүңдү күлкүгө кетирбе.
Ачынганга мал көрсөт, адашканга жол көрсөт.
Ачкага аш бышыртпа, үшүгөнгө от жактырба.
Ороздуу менен оттош бол.
Үйрөнбөй туруп устаттык кылба.
Тил менен напсини тыя билгин, касиетти боюңа жыя билгин.
Сындан качпа, куюп ал башка.
Ачканы аш менен коркутпа.
Көрбөгөнгө көбүрбө, эшиткенге эсирбе.
Жакшы менен иштеш болсоң – багың ашар; жаман менен иштеш болсоң – багың качар.
Ачыксаң алданы айт, тойсоң топук кыл.
Адилге мую, акылга ую.
Аз жеп, аз укта.
Алактаба – алдырасың, дардактаба – чалдырасың.
Арманыңды көпчүлүккө айт, арамзалык ойдон кайт.
Бүтө элек ишти бүттүм дебе.
Адамды сынабай ишенбе.
Бактысыздык өзүңдөн, бирөөдөн көрбөйт түшүнгөн.
Ашыгын айтсаң да, ашыра айтпа.
Бирөөгө балта алып жүргүчөктү, башыңды коргой билгин өлгүчөктү.
Бардыгын табат тирүүлүк, багынба жокко күнүмдүк.
Баланын ырайына жараша ат кой.
Жаңылыкты ачсаң өсөсүң, жаңылсаң өчөсүң.
Дүйнөгө курсагың менен карасаң, көңдөй бойдон каласың.
Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.
Катаңды өзүң оңдо, калбайсың ара жолдо.
Калыс бол – ишиң жылат.
Башканын кайгысына кубанба, бактысына кубан.
Куйкалансаң да отко – кыйынчылыктан коркпо.
Кыйыткан сөзгө сак бол, кылмышка барбай ак бол.
Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско бербе.
Сырын билбей жакындаба, сыйлабасты такымдаба.
Калыс адамга кайбаат айтпа.
Тажабай изден, таалайыңан иштен.
Билгенди айтуудан тартынба.
Эркиндикти эч нерсеге алмашпа, эрдик менен мөрөй алгын кармашта.
Эмгектен кыйналсаң, эзилгенде чыйраласың.
Бирге билиш болгуча, миңге тааныш бол.
Досту да, душманды да жол жүргөндө, башка кайгы түшкөндө, ооруп калганда сына.
Соо башыңа дарт тилебе.
Бирөөгө көр казсаң тайыз каз,өзүң секирип чыгарга.
Эшиктен келип төр меники дебе, ылдыйдан келип өр меники дебе.
Бирөөнүн бетине түкүрсөң, өз көзүңө тыпын түшөт.
Калкың менен катар жүр.
Жаның соо болсо – зарлуумун дебе, дениң соо болсо – жардымын дебе.
Көрбөй жатып түңүлбө, көрбөс көз менен үңүлбө.
Бирөөнүн кенешин ук, бирок өз күчүңө ишен.
Токмун деп ташыба, жокмун деп жашыба.
Устаңды атаңдай артык сана.
Тар жерге күнкор болбо, кең жерге корукчу болбо.
Битке өчөшүп тонуңду отко жакпа.
Келбей атып коркпо, көрбөй атып торукпа.
Акты кара дебе, сокурдун акысын жебе.
Калп айткан жерде көп турба.
Болсоң болоттой бол.
Алты жыл ачка болсоң да, атаңдын салтын унутпа.
Капчыгыңа карап иш кыл.
Жети журттун тилин бил, жети түрлүү билим бил.
Көпмө тентек болсоң да, көпкө тентек болбо.
Бөөдө каргыш өзүңө тиет.
Кадырыңды билбегенге – кадырыңды кетирбе.
Төрдө орун барда төмөнгө отурба.
Сапарга чыгардан мурда шеригиңди шайла, үй салардан мурда кошунаңды ойло.
Бүгүн чачылсаң, эртеңден үмүт үзбө.
Бузуку менен муңдашпа, түптүү менен тирешпе.
Бирөөдөн кепин сураба, кетмен сура.
Бирөөнүн кырсыгын күзөгүчө, өзүңдүн кынтыгыңды бүтө.
Бирөөнүн тукуругу менен укуругун алба.
Кайдагы бирөөнүн айдагында болбо.
Алсыз душманды да жансыз дебе.
Жанбактыга мал бактырба. Жан сактасаң – аяр сакта.
Жанды жаш кезиңен асыра.
Жаным таттуу деп жагынба, шорум катты деп багынба. Жаның кыйналса – жакын издебе, акыл изде. Бүгүнкү бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба, Өз колуңдан келүүчү ишти бирөөгө тапшырба.
Жатка жакпа, ажаныңды сатпа.
Жаштыгыңды жашыңдан чыгарсаң да, жадыңдан чыгарба.
Акылыңа өлчөп иш кыл, карууңа өлчөп күч кыл.
Алың жетпесе артынан түшпө.
Күчүңдү күкүм кылбай, бүтүм кыл.
Бактыны жолуңдан издебе, колуңдан изде.
Кишинин колун караба, ишиңдин жолун кара.
Жол билгендин артынан калба.
Жоонун колунда болбо, куунун жолунда болбо.
Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.
Колдон келбеске кор болбо.
Колун пир тутканды – пир тутпа.
Душмандын чырагына май тамызба.
Кор болор ишке колуңду тийгизбе.
Болбосту ойлонуп капага түшпө.
Саламыңа кол бербегенге – жол бербе.
Агымга каршы жүрбө.
Арты жаман иштен ары бол.
Жалындуу жаштык кезиңде жазгы суудай ташкында.
Болбос ишке бой урба.
Жакшы иш баштасаң – жайына таштаба.
Калкыңдын кадырын бил.
Кайдыгер иштен – кайгы тартпа.
Бирөөнүн акысын жебе.
Каалаган иштин кадырына чык.
Жаманга жалынба, жакшыга таарынба.
Көздөгөн ишке көшөрө жет.
Дос-жараныңды урматтап күт.
Кырсыктуу иштен кыйгач өт. Жаманга өчөшпө.
Орундалбас ишке ой коротпо.
Тишин кайраганга – ишиңди кайра.
Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө.
Күндүн батарына күйүн, чыгарына сүйүн.
Көөдөнүңдү бөөдө көтөрбө.
Өз таразаң өзүңдө.
Өзүн мактаганга өлгүчө ишенбе.
Өзүң үчүн иштесең – өзгөгө зыян кылба.
Өзүңдөн каткан сырды өзгөгө айтпа.
Жаман менен жолдош болбо, наадан менен сырдаш болбо.
Өзгө аркылуу өзүңдү бил.
Дөшү болсоң чыда, балка болсоң сок.
Өзгөнүн акылын ал, өзүңкүн кош.
Өздөн маскара болсоң бол, сөздөн маскара болбо.
Жан бергендин жанына турба.
Өөндү өзүңдөн изде.
Адеби жоктун аты-жөнүн сураба.
Алганыңдын ажарына сүйүнбө, акылына сүйүн.
Жарды болсоң – алдуу бол.
Кайрылгандан айрылба.
Зордук кылба жесирге, зомбулук кылба жетимге.
Кадырың билген кайын ал, теңдеп бир теңден отун ал.
Жармага таарынып, бирөөгө жамандык издебе.
Мал багар уул болгончо, эл багар уул бол.
Жатка жанашып, өзгө кара санаба.
Таяктап аял башкарба.
Адамдагы улуулукту баала, аруулукту, сулуулукту баркта.
Адамдын үйүн көрбөй туруп бил, акылманды көрбөй туруп тааны.
Жоо келгенде баатыр бол, доо келгенде акыл бол.
Адашкың келбесе – кара, жаңылгың келбесе – сура. Асманды бийик дебе, акылды бийик де.
Оңол дегенди оор алба, түзөл дегенди түйшүк көрбө.
Өзүңдү көргүң келсе – касыңдын көзү менен кара.
Келбети келгенден кеңеш сура.
Зөөкүргө чабар камчы бол, кургак жерге тамчы бол, жесирлерге желек бол, жетимдерге көмөк бол.
Этиңе эрк бербе, мойнуңду ийбе.
Алыш-бериш адал иште эпчил бол, жол ачылар – ар кезде да көпчүл бол.
Жаманды жаныңа жолотпой айрыл, жакшыны изде, артыңа кайрыл.
Атым чыксын десең ашыңды алба, жоомарт бол.
Дүнүйө үчүн өзүңдү отко салба, бирөөнүкүн күч менен тартып алба.
Кечүү билбей кечпе, адамдын сырын билмейин ишенбе.
Суу да болсо сыйлашып ич.
Жарачу кийим табалсаң, жылаңачка жап.
Колуң менен иштебей, оозуң менен орок орбо.
Эл карабас – сүйкүмсүз, кабагы түшкөн сараңга; туура жүр – атың калат эртеңки калк – жараңга.
Көөдөн кербе – ошондон алкыш аласың, сараң болсоң – тек каргышка каласың.
Жорго минген менен жолдош болбо, Жоболоңдуу менен айыл конбо, Иш кылсаң артын ойло.
Жолдош болбо коркокко,
Жүк артпагын торпокко, Иш кылдырба чоркокко.
Кем болбо – кең бол.
Ачууң келсе – оозуңду жап.
Кумарлыктын кубаттуу оту жанса, салкын ойдун суугу менен өчүрө бил.
Түсү ийгиден түңүлбө.
Кишинин көңүлүнө тийчү нерсени иштебе.
Дүйнө-малга тарыкпа; көңүл тарлыгы – кайгынын көзү.
Чаап айтканча таап айт.
Ырахат издесең – мээнетинен коркпо, кубаныч издесең – кайгысынан коркпо.
Эртең менен жолуң болсо, кечке чейин текиреңиңден жазба.
Пайдасыз кайгыдан арыл.
Колдо барды сүйөрсүң – көп кубанып бекинбе, жоготконду жоктобо – өтө эгилип өкүнбө.
Ата-эненин сөзүн жерге таштаба, байып алсаң – менменсинүүгө баштаба.
Атаңды сыйласаң – балаңдан ошону күт.
Азапка чыдасаң, жашоону үйрөнөсүң.
Киши алдындагы ашка ашыга колуңду созбо.
Улуу келсе аягыңды аяба.
Ысык ашка тап койбо.
Улуу-кичүүнүн кадырын билем десең, агыны катуу суудан кеч, ашуусу бийик тоодон аш.
Толуп турган айга колуңду чочойтпо. Миң досуң болсо көп көрбө. Көнгөн жерге коргон сал, түнөгөн жерге түркүк как.
Кошчуңду корго, урматыңды аяба.
Корооңо сак бол, коңшуңду ууру тутпа.
Акыл-кеңеш бир чепте кызмат кыл.
Өз пайдаңды эмес, өзгөнүн пайдасын көздө; бирөөгө жүк артпагын – өзүң көтөр.
Элдин каргышынан сактан.
О дүйнөдө бакыт тилесең – журтту сыйла.
Көбүнө шүгүр, азына канаат кыл.
Күч жумшап кордук издебе.
Касыңдын кашында сырыңды айтпа.
Малдын төлүн күзүндө сана.
Аз деп жоону аяба.
Досуңа, ал жоо болуп кеткен күндө да залал тийгизе албагыдай кылып жакшылык жаса.
Орду жок сөзгө ооз ачпа.
Душман алдында алданба – ал тузак тартып отурат; жараматтын мактоосуна мас болбо – ал кулкунунун камын ойлоп отурат.
Балээ издеп келбе, изгилик издеп кел.
Ороздуу менен оттош бол, ырыстуу менен жандаш бол.
Изгилик ишти суунун аягына ташта да, башынан изде.
Үч нерсеге коңшу конбо: өрттөөр отко, агызар сууга, атактуу акимге.
Отуз өлчөп, бир кес.
Изги тилсең – изги бол.
Өз айыбыңды өзгөдөн издебе, киши айыбын көздөбө.
Отун албаганга от жактырба.
Тайып бара жатканга таяныч бол.
Сасыган суу менен жуунба.
Өз мекениңди көздөй сакта.
Жакшы менен талаш, жаманды жуутпа.
Жаман менен жолдош болбо, акмак менен дос болбо.
Өлүүлөр жөнүндө оң сүйлө, болбосо үндебе.
Түсү ийгиден түңүлбө.
Көз ирмем сайын эки жакшылык иште.
Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт.
Жалаа кылганга – опаа кыл.
Жазмышка моюн сунуп, баарына көн, бирок адил айтканың сөзүң да жөн.
Адилдик жолун өзүң ач.
Өткөнгө өкүнбө, жетпести кууба, кеткенге кейибе.
Чындыгы бар жерди Мекен эт.
Кара өзгөйдөн уят сураба, залимдеп опа сураба.
Төөгө минип, кой арасына жашынба.
Тикенди түбүнөн үз.
Бычагыңды шайлабай туруп устуканга умтулба.
Сууну көрбөй туруп өтүгүңдү чечпе.
Жамандын жанын сактагыча, жакшынын кадырын сакта.
Сабыр эт, кубаныч кут балээ келсе, күтө тур кайгы, иренжиш ала келсе.
Жакшылыктан үмүт этсең – сабыр эт.
Жаманды көрүп шүкүр кыл.
Көктөгү айга колуңду созбо.
Кеңешкендеги кебиңди керишкенде айтпа.
Өз мартабаңдан бийикке умтулба, өз ордуңду биле жүр.
Бардык ишти ынсап менен иште.
Жаманга кеп айтам деп, сөзүңдү айып кылбагын.
Ала чаар жыландан коркпо, ала адамдан корк.
Бак-дөөлөткө мактанба.
Дүнүйөнүн кулу болбо.
Атаңа наалат айттырба, апаңа каргыш келтирбе.
Тилемчиге миң жаңгак бер, сүйөнө жүрөр таягын кошо бер.
Бош жибербе өмүрдү – чалып кал, кетер күндөн керегиңди алып кал.
Жолоочудан жол азык күтпө.
Жерге карап эгин эк, адамга карап салам бер.
Бир жеп тоёр аш үчүн, бар күчүңдү сарп кылба.
Соолук тилесең – көп жебе.
Табыптан ооруңду жашырба.
Кечинде ойлон, эртең менен ишке кир.
Канча улуу болсоң да «баарын билем» деп ойлобо.
Билимдүүнүн сөзүн тыңда, айтканын үйрөн – ишке ашыр.
Күйпөлөк тарткан жигитке, күндө жолдош болбогун.
Нааданды билим менен эмде.
Түмөн сөз түйүнүн бир сөз менен чеч.
Кыш камын жазда ойло.
Сөз сүйлөсөң байкап сүйлө.
Сөздүн баарын тыңда, керегин ал.
Тилиңди бак, ошондо башың сакталар, сөздү кыскарт – жаш узарып, бак конор.
Күлбө досуңа, келээр башыңа.
Пайдасыз сөздү айтпа, айтпас сөздөн кайт. Көзүң ооруса – колуңду тый, ичиң ооруса – оозуңду тый.
Тилди көп ойнотпо.
Мөмөнүн жемишин жеймин десең түбүнө балта чаппа.
Ит каппайт дебе, ат теппейт дебе.
Өмүрүңдү байлык кыл – пайдасы болсун изгилик.
Сокур уй кудук көргөндөй болбо.
Талпак салганга талпак сал, олпок салганга олпок сал.
Өнөрлүү болсоң өлөмүн дебе.
Өткөн базарга кой айдаба.
Желдүү боз баланы жеткире мактаба.
Отту өчүрүп, чогун калтырба, жыланды өлтүрүп, баласын асыраба.
Пейил күтсөң, бертик бергенди унутпа.
Булут барда барсынба, өлүм барда көпсүнбө.
Теңирге тетири иш кылба.
Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич.
Ой – өзүңдө, нарк – колуңда.
Өлүп баратсаң да чындыгыңды айт.
Атаны Кудайыңдай тааны.
Атаң барда эл тааны.
Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан көрөрсүң. Ата-энеңдин кадырын балалуу болсоң билесиң, агаиндин кадырын жалалуу болсоң билерсиң.
Атага акаарат кылба.
Колуңду аркаңа алба.
Ата-наркын, Теңир салтын улант. Улуу сүйлөсө башыңды салып ук.
Улууга өйдө карап сүйлөбө.
Кара жерди жамандаба, каргышына каласың.
Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба.
Эрден безсең да, элден безбе.
Бирөөгө күлсөң, өзүң ыйлайсың.
Жолдун тегизин бил, сөздүн негизин бил.
Улук болсоң кичик бол, бийик болсоң жапыз бол.
Тең туугандын жаманы болгончо, ак буудайдын саманы бол.
Эңкейгенге эңкейгин, атаңдан калган күл эмес.
Какайганга какайгын, пайгамбардын уулу эмес.
Кең болсоң кем болбойсуң.
Атанын гана уулу болбой, элдин уулу бол.
Никени, салтты бузба.
Аманатка кыянат жасаба.
Бирөөнүн дүйнөсүнө көз артпа.
Напсиңди агытып, ыпыласка барба. Өзгө, жатка калыс бол, арамдыктан алыс бол.
Жакыр болсоң баатыр бол.
Бай болсоң кайрымдуу бол. Жараны тырмап ырбатпа, Жакының менен чырлашпа. Терең суу менен бойлошпо, Билимдүү менен ойношпо.
Алтын тапкыча акыл тап.
Баатыр болсоң, душмандан качпа.
Баатыр болсоң шер бол, коркок болсоң жер бол. Баатырды жоону жеңгенден кийин макта, тамакты бойго сиңгенден кийин макта.
Эл ишеничин актай бил.
Керең болбой берен бол.
Ой ойлосоң тең ойло, тең ойлосоң кең ойло.
Туз жаткан жериңе кара санаба.
Эрге ишенбе, эки колуңа ишен.
Мал сактаба, ар сакта.
Өлгөнгө өкүнбө, тирүүлүгүңдү тиле.
Өлө жегенче бөлө же.
Абийириңди жашыңан сакта.
Эмгекти барктасаң, эмгек сени барктайт.
Жоголгон нерсени жоктобо.
Сууга таянба, жай күнүнө ишенбе.
Ачуу тилге арданба, таттуу тилге алданба.
Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, акылың менен тааны.
Баатыр болсоң эл сыйла.
Куттуу үйдөн куру чыкпа.
Акылдуунун алды менен жүр, Акмактын арты менен жүр.
Таба эмес, тобо кыл.
Бышкан, бышып аткан ашты таштаба.
Жарым жолдон кайтпай жүр.
Нандын күкүмүн шыпырба.
Нанды көмкөрөсүнөн койбо, бир колдоп сындырба.
Туз – насибиң, аны тепсебе; алыска жол жүрөрдө туз таты.
Чайыңдын түбүн төкпөй ич, ырыскыңдан айрыласың.
Колуңду жууганда силкпе, ырыскы качат.
Булак башын булгаба, ыйык сакта.
Саламдашпай туруп сөз баштаба.
Эртең менен эрте турсаң ырыскыдан куру калбайсың.
Конуп калган коногуңа эртең менен: «Жакшы жатып, жай турдуңузбу?» – деп айт.
Жаңы журтка сыйын.
Бар туруп жок дебе.
Сабаадагы кымызды ооз тийбей, башка бирөөгө бербе.
Үйгө кирип чыкканда босогону биринчи оң бутуң менен аттагын.
Нуска
Кут белгиси – билим.
Баатыр майданда, аалым аңгемеде сыналар.
Күздүн келери жаздан белгилүү болор.
Адептүүлүктүн башаты – тил.
Арстан картайса чычкан ийнин күзөтөр.
От түтүнсүз болбойт, жигит жазыксыз болбойт.
Куш канаты, эр аты менен.
Жаза атпаган мерген, жаңылбаган жаак болбойт.
Курук кошок оозго жакпайт, курук сөз кулакка жакпайт.
Бычак канчалык курч болсо да, өз сабын кеспейт.
Ар киши өз тилинин астында ойрон болот.
Канды кан менен жуубас.
Айла менен арстанды тутууга болот.
Күч менен чычканды да тутуп болбос.
Уулуна ата абийири, ысмы – мурас.
Кеп көркү – тил, ойдун көркү – сөз болот.
Бакыт белгиси – билим менен акыл. Көрктүү тонуң өзүңө болсун, ширин ашың өзгөгө болсун.
Киши аласы ичинде, жылкы аласы сыртында.
Акыл оюшот, ырыс жугушат.
Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы. Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз акыры азапка тутулат.
Акылы аздын – азабы көп.
Алтын – чирибейт, акыл – азбайт.
Аманат жанга өлүм ак.
Ар ким пейлинен табат.
Ачууну акыл жеңет.
Байлык мурас эмес, жокчулук уят эмес.
Батаар күндүн атаар таңы бар.
Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт.
Бөлүнгөндү бөрү жейт, жарылганды жоо алат.
Бутунан мүдүрүлгөн турат, тилинен мүдүрүлгөн турбайт.
Дүнүйө адамды таппайт, дүнүйөнү адам табат.
Жакшы сөз – суу, жаман сөз – уу. Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз таруу ботко болбойт.
Жамандыкка жакшылык – эр кишинин иши, Жакшылыкка жакшылык – ар кишинин иши.
Жерин сүйбөс эл болбойт.
Элин сүйбөс эр болбойт.
Жоголгон бычактын сабы – алтын.
Жолоочуну ээрчип ит өлөт.
Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап.
Итке темирдин баркы жок.
Калк айтса калп айтпайт. Карга учуп шумкар болбойт, эшек жүгүрүп тулпар болбойт.
Хан көп – жоо көп, бий көп – доо көп.
Керектүү таштын оордугу жок.
Киши дүйнөгө түркүк болбойт.
Колу менен иштебеген, оозу менен орок орот.
Коркокко бир ок да көп, баатырга жүз ок да аз.
Көз жетпеген жерге сөз жетет.
Көп түкүрсө көл болот, көп толкуса сел болот.
Кулактан кирген суук сөз, жүрөккө барып муз болот.
Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт.
Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет.
Кырсык аяк астында.
Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаппас.
Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет.
Сабырдын түбү сары алтын.
Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
Соолгон көлгө бака айгыр.
Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт.
Токмок күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.
Тулпар жүгүн оордобойт, султан сөөгүн кордобойт.
Убадасыз кишиден жүрүп кеткен жел артык.
Улуу сөздө уят жок.
Ырыс алды – ынтымак.
Эки жакшы жайлоого чыкса, кудалашып түшөт, Эки жаман жайлоого чыкса, кубалашып түшөт.
Эл ичи – алтын бешик.
Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи!?
Эр жигитке жетимиш түрдүү өнөр аз.
Адам көңүлүнөн азат.
Адам тилинен табат.
Айтылган сөз – атылган ок.
Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
Калп ырыс кесет.
Ок жарасынан сөз жарасы жаман.
Өнөр алды – кызыл тил.
Сөз баштаган эл баштайт.
Туура сөз кылычтан өткүр.
Адам көркү – адеп.
Адептүү киши азаптан алыс.
Ата көргөн ат берет, эне көргөн тон берет.
Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан опаа көрөсүң.
Адам акысын жер кайтарат.
Дөөлөттөн артык мээнет бар.
Жакшы ниет – жарым ырыс. Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
Кайраттуу жүрөк таш жарат.
Кылыч курал эмес, акыл – курал.
Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет.
Жаман адам өз ырыскысына өзү түкүрөт.
Кайгы – кагылган мык.
Көздөн да көөдөндүн сокуру жаман.
Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.
Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
Хандын пейли бузулса, калкына бүлүк түшөт.
Адам дүйнөсү – өчпөгөн үмүт.
Адамдын тизгини – акыл.
Акыл деңизден терең.
Ачуу – душман, акыл – дос.
Адашкан казды топтошкон карга алат.
Айгыр көпсө үйүрүн кажыйт, кан көпсө элин кажыйт.
Акыл – элде, алтын – жерде.
Акылдуудан башчың болсо адашпайсың.
Алтынга сатылбаган, сулуулукка алданбаган – эл.
Ат айланып казыгын табат, эр айланып элин табат.
Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.
Баба өмүрүн билген киши – караңгыда шам чырак.
Баш болуу – оңой, баштап кетүү – кыйын.
«Биз» деген – көл, «мен» деген – чөл.
Бирөөнүн элинде султан болгончо, өз элиңде ултан бол. Жаздыкта өлгөн – жаман ат, жоодон өлгөн – салтанат.
Жакшы эр элин өргө сүйрөйт, жаман уул элин көргө сүйрөйт.
Жаман жанын сатар, малын катар, жакшы малын сатар, элин катар.
Жети атаңын кимин бил, жети атаңдын тилин бил.
Журт мазар, журттан качкан – азар.
Качкан жоону катын алат.
Келечекти ойлосоң, өткөндү эске сал.
Өткөндү билбеген, бүгүнкүнү тааныбайт. Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт.
Тамыры жок дарактын өмүрү кыска.
Чептен эрдин күчү бек.
Элге кылган жакшылык жерде калбайт.
Эрдин күчүн эл сынайт. Жакшы дос жан жыргатар азык, жаман дос башка тийер казык.
Ынтымактуу үйгө ырыс түнөйт.
Ачуунун даамын татпаган, таттуунун даамын билбес. Жерде жаткан жумуртка, асмандап учкан куш болот.
Киши дүйнөгө түркүк болбойт.
Калган ишти кар басат.
Оро албаган орок тандайт.
Бедели жок жигиттен, белес жорткон жел артык.
Жакшы өмүрдүн алды – өрт, аркасы – күн.
Калп ырыскы кесет, кайгы өмүр кесет.
Бирөөгө көр казсаң кең каз, өзүң барып түшөсүң.
Муңдуу жүргөн адамга, мукамдуу айткан ыр жакшы.
Ойдун түбү жок.
Сөздүн чеги жок.
Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшош.
Ат ээсиз болбойт, казан көөсүз болбойт, жер тоосуз болбойт.
Жаманга айткан акылың, талаага аткан окко окшойт.
Талабы жок жаш бала жалыны жок чокко окшойт.
Элиң жарды болгон соң, жалгыз байлык курусун.
Сууну сиңген жерге куй, сөздү уккан жерге айт.
Ары жок – күлкүчү, санаасы жок – уйкучу.
Бүгүнкүнүн эртеңи бар.
Жакшы сөз – жан семиртет, жаман сөз – жан кейитет.
Карысы бардын ырысы бар.
Өтүгү жаман – төрдү булгайт, оозу жаман – элди булгайт.
Уят – өлүмдөн катуу.
Атанын каргышы кайтпайт.
Кан сөзүнө кайруу жок.
Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор.
Дөөлөт – тоголок, мээнет – жалпак.
Үй башкарган эл башкарат.
Салт жолу улук.
Оомалуу-төкмөл дүйнө.
Карыдан уят кайтса, жаштан ыйман кайтат.
Тил – ойдун сандыгы.
Эмгеги аздын өнмөгү аз.
Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
Жыгач катуусун курт жыгат.
Агын сууда арам жок.
Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.
Адамга өлүм ак.
Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
Адам өчкө кудай өч.
Адилет сөзү – ачуу.
Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
Аз уктаган акылга бай болот.
Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат.
Айран сураган челегин жашырбайт.
Айрылган – азат, кошулган – озот.
Айылы жакын иттин куйругу узун.
Айың кеп айылды иритет.
Ак ийилет, кара сынат.
Ак көңүлдүн аты арыбайт.
Акыл – алтын, ой – күмүш.
Акылдууга айткан сөз, колго конгон кушка тең.
Акылдуунун өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Акыркы төөнүн жүгү оор.
Ак эмгек азаптан коргойт.
Алганга алтоо аз, бергенге бешөө көп.
Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
Алтын чыккан жеринде каат.
Аманчылык жаманчылыкты жеңет.
Арыбас ат болбойт, тозбос тон болбойт.
Асанкайгы ойлонуп отурганча, тобокелчи марага жетиптир.
Асыл – таштан, акыл – жаштан.
Атадан алтоо туулса да, ар жалгыздык башта бар.
Ат айланып казыгын табат.
Ата каргышы – ок, эне каргышы – бок.
Ата сыйлаган абийир табат.
Ата турган таңдын чыга турган күнү бар.
Атты достой сүйсөң, душмандай минесиң.
Ач кадырын ток билбейт, оору кадырын соо билбейт.
Ачка короздун түшүнө актаган таруу кирет.
Ашка тоймок бар, жашка тоймок жок.
Ашыкпаган адам араба менен коёнго жетиптир.
Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
Байгамбар барына ыраазы, жогуна кайыл.
Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш.
Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар.
Баланы – жашынан, катынды – башынан.
Балык башынан сасыйт.
Башка келсе байтал жорго болот.
Берерге бешимде – кымыз.
Бербеске шашкеде – саамал.
Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат.
Билим – деңиз, акыл – кайык.
Билимдүүгө дүйнө жарык.
Билимдүүдөн акыл сура.
Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.
Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
Өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
Бирөө кечүүгө кечүү таппай жатса, бирөө ичерге суу таппай жүрөт.
Бир тамчы суу кумурскага дарыя болуп көрүнөт.
Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
Боёкчуну боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур.
Болот кында жатпайт.
Бош челек катуу калдырайт.
Булбулдун үнүн укпай, жайкы талаа ачылбайт.
Бура сүйлөгөн сөз күлөргө жакшы.
Буюкканга жылдыз от.
Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
Дос айрылат, сөөк кайрылат.
Дос, жолдош – жүз жылдык, куда-сөөк – миң жылдык. Досуң миң болсо да – аз, душман бирөө болсо да – көп.
Жайдак тилден чаң чыкпайт.
Жакшы жигит сыртта – мырза, үйдө – кул.
Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы.
Жакын талашса – жатка жем.
Жалкоого иш буюрсаң, өзүңө акыл үйрөтөт.
Жамандан жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат.
Жаман кушту жакшы бакса шумкар болот.
Жаман чөйчөктөгү сууга чөгүп өлөт. Жаман эркек тууганчыл, жаман катын төркүнчүл. Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт.
Жардылык жаман эмес, жалкоолук жаман.
Жашаганды билбеген, жашоонун баркын кетирет.
Жашында калжаң болсоң, карыганда мылжың болосуң.
Жез кадырын жезчи билет, эр кадырын эл билет.
Жесе да, жебесе да бөрүнүн оозу кандуу.
Жетим өз киндигин өзү кесет.
Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар.
Жолоочу ат жалына казан асат.
Жоо аяган жаралуу.
Жоо чапкан эрге айып жок.
Жорго жолду арбытат, жокчулук эрди карытат.
Жумшак айткан месел сөз муз жүрөктү эритет.
Жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат.
Ийне көзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
Кайгырып уктасаң, ооруп ойгоносуң.
Кайгысы жок кара сууга семирет.
Кан жакшы болбой, калк жакшы болбойт. Караганга чымчык корголойт. Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласын жумшагым дейт.
Карыялуу үйдө – кут, кара бороон болсо – жут.
Келин жаман эмес, келген жери жаман.
Кемибейм деген кандын татым тузу кемиптир.
Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук.
Кимдин башы сулуу десе, таш бака башын көтөрөт имиш.
Киши өзү тойсо да, көзү тойбойт.
Кол кудайдын мөөрү.
Көп баскан аяк чок басат.
Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
Көптөн үмүт эткен аздан куру калат.
Куда болгуча кулу-бийиңди сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш.
Кудайды көрбөсөң, акылың менен тааны.
Күйөөнү пайгамбар сыйлаптыр.
Күмүш үйлүү кыз чөп алачыктагы атасынан үмүт кылат.
Кыбыраган кыр ашат.
Кыздын кырк чачы улуу.
Кызга кырк үйдөн тыюу.
Мекендин кадыры башка жерде билинет.
Миң карганы бир таш учурат.
Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет.
Мөмөлүү дарак бышкан сайын ийилчээк болот.
Ойлобой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат.
Он эки пайгамбардан Бир Кудай өтүптүр.
Ооз – айгак, тил – тайгак.
Ооздон чыккан сөз – колдон учкан куш.
Ооздон чыккан сөз отуз уруу элге тарайт.
Оозу менен орок оргон, буту менен башмалдак атат.
Отуз жыл ийилип өскөн тал бир жылда түзөлөт.
Өгөй – өөнчүл, жетим – кекчил.
Өз балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
Өз күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат.
Өз өтүгүң тар болсо, кең дүйнөнүн пайдасы не.
Өзүнө жакшылык кылбаган адамдан өзгөгө жакшылык артпайт.
Өлгөн жолборстон тирүү чычкан артык.
Өлүм бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
Пейли кенен – калысчыл, пейли тар – арызчыл.
Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
Сабырдуулук – акылмандын шериги.
Санаа – саргайтат, убайым – картайтат.
Санаасы жок сары сууга семирет.
Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң.
Сокур көргөнүн койбойт, дүлөй укканын койбойт.
Сокур намыс баш жарат.
Соолбос өмүр, сынбас темир болбос.
Сөз башы ачуу болсо, аягы таттуу болот.
Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат.
Сууну көп кечсе чалчык болот, сөздү көп сүйлөсө тантык болот.
Сүт менен бүткөн мүнөз сөөк менен кошо кетет.
Таап сүйлөгөн таттуу сүйлөйт.
Талаадагыны үйдө болжобо.
Таңкы куйруктан азыркы өпкө.
Таш менен урганды аш менен ур.
Темене берип, төө алат.
Тең туугандын жаманы болгуча, ак буудайдын сабагы бол.
Теңтуштун теңири бир.
Теректей бойдон теменедей акыл артык.
Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн жакшы.
Тилеги жаманды ит кабат.
Тил билги жүйөкеч кол ийиктен элпек.
Тил кылычтан өткүр.
Тозокко үйрөнгөн от чачышып ойнойт.
Тойгондо токтунун эти топурак татыйт.
Тоодой караны, томуктай ак жеңет.
Төө кыядан өткөн соң, «өч» дегениң курусун.
Төркүндүн төрүндө болгончо, уулдун улагасында бол.
Тулпар айланып үйүрүн табат.
Туулган жердин топурагы – алтын, эли – мазар.
Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок. Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн.
Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок.
Уйку менен тамакта ар жок.
Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
Улууга сый көрсөтсөң, кичүүдөн урмат көрөсүң.
Улуунун өмүрү – кичүүгө үлгү.
Улууну укпаган узабас.
Уул жаманы – уйгак, кыз жаманы – камгак.
Устаттан шакирти өтүптүр.
Уулуң жакшы болсо – өмүрүң узарат,
Уулуң жаман болсо – өмүрүң кыскарат.
Уурунун ичкени ирим, жегени желим.
Үйдү кырк эркек толтура албайт, бир аял толтурат.
Үйрөнгөн жоо атышаарга ийги.
Чыккан тооң бийик болсо, ыргыткан ташың ыраак түшөт.
Чындык кудайдан күчтүү.
Чырактын жарыгы түбүнө түшпөйт. Шагылы болбой, зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт. Шибегени калп ката албайсың.
Ыйлап жүрүп арык казсаң, ырдап жүрүп суу сугарасың.
Ырысы жок элдин ырымы күч. Эки ат минген кеч калбайт, элдүү түлкү ач калбайт.
Эки дөө кагылышса, орто жерде кара чымын кырылат.
Элди сүйгөн – озоор, элден качкан – тозоор.
Элиң сынганы – белиң сынганы.
Эл сыйлаган адам эшикке жатпайт.
Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз.
Эне сыйлаган элине жагат.
Эрден ашмак бар, элден ашмак жок.
Эрди-катын бир үйдүн – айы менен күнү.
Эрегиштен эр өлөт, эки жактан тең өлөт.
Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
Эр кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
Эркектен ийменген катын элине сыйлуу.
Эрте тургандын этеги толот.
Эр төрөгөн эл өлбөйт.
Эр үчүн кылган жакшылык эбилип жерге түшпөс.
Эсиң барда этегиңди жап.
Эсирген эркек жаса басат, эсинен жаңылган ургаачы эр кызганат.
Эски журттун кадыры өрүүдө билинет.
Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал.
Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт.
Ар буюмдун наркы бар.
Санаа эрди саргайтат.
Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
Барына шүгүр, жогуна тобо.
Ботонун куну – бир жут, батанын куну– миң кут.
Ата-эненин артында кудай турат.
Баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас.
Атаңдан бото калбаса да, бата калсын.
Ачуу – душман, акыл – дос.
Чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат.
Жол эки айрык болсо, жолбун иттин башы кайгы.
Көп уктаган көптөн куру калат.
Азга топук кылбаган көпкө жетпейт.
Өзүн сыйлабаган, өзгөнүн бетин чийдей кылат.
Касапчы энесине сөөк сатат.
Каадалуу адам – кагылган чеге.
Аял эрден чыкса да элден чыкпайт.
Кыздын жолу – сый.
Келечекте жаңылбас үчүн өткөндү бил.
АК БАТА
Жашоо тиричилигинде кыргыз баласынын ыраазылык менен ак ниеттен өзүнө, урпактарына, жакындарына, башкаларга жакшылык тилеп Жаратканга, Теңирге, ыйыктарга, арбактарга кайрылып, сөз тизмегин келтирип тилек менен кайрылуусу ак батага жатат.
Байыртадан, Теңирчилик доорунан бери кыргыздар батаны ыйык көрүшкөн. Алар өздөрүнүн тилектерин, ниеттерин, өтүнүчтөрүн Теңирге кайрылышкан. Адамдардын суранычын Теңир аткарат деп ишенишкен. Жашоотиричилигинде, бардык жерде бата сурашкан. Баталарын башка адамдарга беришкен. Батанын түрлөрү эң көп: Манас баштаган улуу инсандардын баталары, балага бата, жаштарга бата, эмгек баталары, конушка, көчкө, сапарга бата, тойлорго бата, мал-жанга бата, маркумга бата, майрамдык бата, карасын түшүргөндөгү бата, кошокко бата, жыл ажыратуу бата, элге бата, арналган бата, жалпы жалганга бата, аш бергенге бата, жалпыга бата ж.б.
* * *
Жаш жубайларга бата Йа, эки жаш, эки жаш, Сизге тилек, ыкылас:
Бакыт консун башыңа.
Жаш кошулсун жашыңа.
Өлөр-өлгөнчө айрылбас,
Мүнөз берсин тарылбас. Өпкө берсин кагынбас, Жүрөк берсин жарылбас. Өргөө куруп, бала күтүп, Кол кармашып чогуу бас. Каргашадан ары бас, Ынтымакка бери бас. Бейкут жашоо күн берсин, Ата-энеңди сагынбас.
Оомийин!
* * *
Чамгарагыңар бийик болсун, Босогоңор берик болсун. Боо бакчаларың, Алма менен өрүк болсун.
Башыңда дайым
Кулпурган кундуз бөрк болсун.
Ак жүзүнө жарыңдын,
Ак элечек көрк болсун. Кудай кааласа, Көп узабай жерик болсун. Томпок чекелүү уул тап, Ал өзүңө шерик болсун. Оомийин!
- * *
Баш алган буудайдай ыргалгыла, Кошулган талдай чырмалгыла. Ырысыңарга эр бала сүйгүлө, Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө. Кайгыланбай каткырып, Кол кармашып жүргүлө. Омийин!
- * *
Омийин деп колуң жай, Мен да бата берейин, Бергенде бата не дейин: Оболу Кудай оңдосун, Олуялар колдосун.
Малың менен башыңа, Эч жамандык болбосун. Берекелүү бак конуп, Бирдей өссүн мал башың.
Насибиң артып күн сайын,
Өзөгүң эч бир талбасын,
Жараткан өзү жар болуп, Пендеге күнүң салбасын.
Жаратуучу кудурет, Жалгагандын камын эт. Кайырлуу өмүр кечээрди, Урпактарга насип эт.
Кошулган эки жаштарды, Зулайка менен Жусуптай, Бир бирине ашык эт. Кайып эрен Кырк чилтен, Назарыңды салып өт. Бакыт, дөөлөт перзентте, Эч болбосун касырет.
Ыкылас тилек тилеген, Тилекти кудай кабыл эт. Оомийин!
* * *
Алтындан болсун жакаң, Күмүштөн болсун такаң. Ташка таруу өнгөнчө, Тарчылык көрбөй өткүлө. Музга буудай өнгөнчө, Муңчулук көрбөй өткүлө. Жүзүңөр жайнап, Келиштүү болгула. Толгон айдай, Өрүштүү болгула.
Катарыңардан озгула, Козгогон чоктой козгула,
Эң алды берекечил болгула.
Көпкө ырайымдуу көлөкөчүл болгула.
Ден соолук, амандык болуп, Узак өмүр жаш берсин, Башыңарга кошуп баш берсин. Оомийин!
* * *
Адалдан бер, актап бер, Балаа-жалаадан сактап бер. Батпас күндөй шат көңүл, Жаңы жубай жашка бер.
Зор махабат өмүрлүк шерик болсун,
Бакыттары баяндуу,
Жаңы өмүрдө
Жолдору байсалдуу болсун, Бир-бирине күйүмдүү,
Эл-журтуна сүйүмдүү болсун.
Өбүрө-чөбүрөлүү болсун.
Мөрөйлөрү үстөм, Мартабасы зор,
Адамкерчилиги мол болсун. Кармашкан колдору ажырабай, Ар дайым Алла колдосун! Оомийин!
* * *
Кош ак куудай көлдөгү,
Кызгалдактай белдеги,
Жаш жубайлар экенсиң, Колуң жайгын канакей, Бата берем мынакей: Дөөлөттүү, малдуу болгула, Кыл өтпөс таттуу болгула. Эл-журт үлгү тутарлык Жаштардын асты болгула.
Тутанттыңар чырагыңарды, Коштуңар курагыңарды,
Теңирим колдоп ар дайым. Ширелсин ынагыңар бу.
Үйүңөр ордо болсун,
Мингениңер жорго болсун, Кушуң боосу ар дайым колдо болсун. Оомийин!
* * *
Пайгамбарым батасын берсин, Душман алдыңа өтпөсүн. Батма, Зуура,
Улукман пирлер колдосун.
Жети атасы жетимиш,
Мага окшоп токсонго чыксын, Томпойгон чал-кемпир болсун.
Балдарын жетелеп жүрсүн,
Ак жолу шыдыр,
Жолдошу Кыдыр болсун,
Тапканы насип болсун, Казандары кайнасын, Оттору жайнасын.
Канаттары карыш, Куйругу кулач болсун. Суудан тунук, Адамдан улук болсун. Айдан жарык, Күндөн ысык болсун. Пахтадан ак болсун,
Көөндөрү ток болсун,
Кардылары ачпасын,
Кайгы тартпасын, Короо толгон кой болсун, Койну толгон бала болсун. Алтыны жерге чачылсын, Ай бактысы ачылсын. Күмүшү төргө чачылсын, Күн бактысы ачылсын.
Кетпес дөөлөт, кең пейил берсин. Оомийин!
* * *
Ак батаны беребиз, Эки жашты бир алкап: Бак карасын,
Кожо Кыдыр жалт карасын. Кетпес дөөлөт берсин, Кең пейил берсин. Пир колдосун, Дөөлөт орносун.
Бай кылсын,
Мамыр кылсын,
Ушул үйдү жалаң
Бакыт бийлеп амыр кылсын.
Ата пири жалгасын, Жигит пири колдосун.
Умай эне, Батма, Зуура,
Бүбү Катыча энелерибиз колдосун.
Эки жаштын жаңы конушу жайлуу болсун. Кайрылыштан суу алсын, Кара чачы чубалсын. Бурулуштан суу алсын, Бурак чачы буралсын.
Кайненеден дуба алсын, Кайын журттан уялсын. Карап турган күйөөсү, Кымылдап ичтен кубансын. Оомийин!
* * *
Эмесе, балам колуң жай, Үлбүрөгөн бүлөңө Балбыратып бата берем: Колуктуң гүзөрдөгү
Кайнаган чайдай болсун,
Дүйүм элге тең тийген айдай болсун. Алдын бала бассын, Аркасын мал бассын. Дөөлөткө бети кызарсын, Перзентке колу узарсын. Конушу жайлуу болсун, Казан-табагы майлуу болсун. Жегени жүзүм болсун, Өмүр жашы узун болсун.
Алып жүрсүн, алдырбасын, Жулуп жүрсүн, жулдурбасын. Долонодой бүрлөсүн, Тобунан уул үйлөсүн.
Уул-кызын өстүрүп,
Атасы менен энеси, Сарпайын кийип дууласын, Жете албай душман куурасын.
Оомийин!
* * *
Казаныңар ашка толсун, Үйүңөр башка толсун.
Корооңор койго толсун,
Челегиңер сүткө толсун, Жегениңер жуктуу болсун. Чатырыңар ак үй болсун, Ак үйүңөр Ордо болсун. Уул үйлөп, кыз узатып Балдарыңардын багы ачылсын. Ылайым эле арып-тозбой, Ойлогон оюңар орундалсын.
Ата-энеңерди ыйык сезгиле, Тилеген тилегиңерге жеткиле. Ынтымак менен кол кармашып, Бактылуу өмүр сүрүп өткүлө. Ата конушун ээлеп өткүлө, Эл конушун кеңитип өткүлө. Оомийин!
* * *
Йа, Жараткан,
Өмүр берсең жайлуу кылып бергин, Дөөлөт берсең сыйлуу кылып бергин. Уул берсең от болсун, Кыз берсең чок болсун. Келин берсең келиштүү болсун, Келечеги оруштуу болсун.
Аял берсең адептүү болсун, Алыс-жакындын көөнү толсун.
Куда берсең жолдошуңдай болсун, Кудагый берсең сырдашыңдай болсун. Ата-баба жолунан ким ашсын, Кудалык сый миң жылга улашсын. Эки жаштын бакытын берсин, Эки жак тең кызыгын көрсүн.
Оомийин!
- * *
Кол кармашып өткүлө,
Муратына жеткиле, Саябалуу дарактай, Сан жылдарга өскүлө. Болдуңар ак никелүү, Бөлүнбөгүн эки эли. Аппак келин уул тапсын, Айдай жарык чекелүү. Жүзгө жетсин жашыңар, Аппак болсун чачыңар. Чөбүрөңдү урушканда, Калтылдасын башыңар. Оомийин!
- * *
Жетегиң боодо болсун, Арканың чууда болсун. Берээрге ашың болсун, Көрөөргө жашың болсун.
Сүйөөргө жарың болсун,
Намысың, арың болсун,
Бешигиң алдыңан түшпөсүн,
Башыңдан жакшылык кетпесин, Жамандык кууп жетпесин. Оомийин!
- * *
Дасторконуңарга береке берсин, Дөөлөтүңөр колуңардан кетпесин.
Тилекти кудай кабыл этсин, Колуңар асманга жетсин,
Атагыңар ааламга кетсин. Илээшкен жаман кырсыктар, Аккан сууга агып кетсин.
Жамандык кууса жетпесин,
Жакшылык кууса кетпесин,
Катуулукта кайышпагыла,
Кыйындыкта кыйышпагыла, Качан да болсо бир-бириңди байыстагыла.
Досуңарды жатка сатпагыла,
Абийириңерди бекем сактагыла, Элиңерди жолго баштагыла.
Өркөнүңөр өссүн,
Өрүшүңөр кеңейсин,
Теңирим силерге,
Узак-узак өмүр берсин, Калышпаган көңүл берсин. Оомийин!
- * *
Кол кармашкан эки жаш, Конушуңар жайлуу болсун. Ниетиңер аппак болсун,
Пейлиңер тунук болсун. Эшигиңер ачык болсун, Капа-кайгы жок болсун. Үйүңөрдө дарт болбосун, Көбөйсүн дос-жолдошуң.
Жегениңер кешик болсун, Терметкениңер бешик болсун. Кол кармашып жашагыла, Өмүрүңөр узак болсун. Оомийин!
- * *
Башыңарга бак берсин, Не берсе да пак берсин.
Кырда жүргөн Кызырды,
Төрүңөргө апкелсин, Карыныңар ток болсун, Кайгы-капа жок болсун. Базар түшүп чуулдап, Бала-чакаң көп болсун.
Оомийин!
- * *
Бактылуу бол, багың ачылсын,
Бар күнүң шаттыкка чачылсын, Төрүңөн жакшылык кетпесин,
Босогоңо жамандык жетпесин. Кызың мончоктуу болсун, Уулуң он чакты болсун. Башыңарга бак консун, Жараткан ээм жак болсун. Ынтымак шерик болсун, Чамгарагың бийик болсун. Насип ээси ийип келсин, Берекесин ийип берсин.
Дасторконуңар кең болсун, Кызыкчылыгыңар тең болсун.
Айлыңар мааракелүү болсун,
Өмүрүңөр берекелүү болсун, Мал, башыңар ашсын, Дөөлөтүңөр ташсын. Оомийин!
- * *
Жети мүчөл жашагын, Тартпагын жоктун азабын. Баатыр болсоң желек бол, Баарыбызга өбөк бол.
Ак сакалдуу абышка болгула, Ак саамайлуу байбиче болгула. Оомийин!
- * *
Оо, эки жаш, эки жаш, Ниетиңди сыйладың, Тагдырыңды байладың. Хан Теңирдей чалкыдың, Кең талаага сыйбадың. Ак тилектүү тоюңа Арнайм сөздүн каймагын.
Кана эмесе колуң жай, Каадимдин сөзү момундай:
Кан Манас бабамдай калкка тирек бол, канзаада, Каныкей энемдей акылы зирек бол, канчайым. Семетей атамдай сеңирлүү бол, канзаада, Айчүрөк апамдай зээрлүү бол, канчайым.
Оң колуңарга Күн туусун,
Сол колуңарга Ай туусун,
Бешенеңерде Чолпон балбылдап,
Кут Жылдызы кутун ийип,
Так ортоңордо Куш Жолу тараза турсун. Сызгырып кирсе жай чилде, Зымырыктын көлөкөсү тапсын. Шукшуруп кирсе кыш чилде, Мунарыктын закымы аксын.
О канзада, аты улук канзаада,
Алтын куш келип тууруңа конду, Кушуңдун боосун бек карма. Алла Таалам силерге эми Алтымыш дөөлөттү бир апкелсин.
Ал дөөлөттөн анча артылтып Ак пейил, ыйман нак берсин, Ак никеңер нап берсин.
Алтын бөркүң башыңан түшпөсүн, канзаада, Күмүш элечегиң ийниңен ообосун, канчайым. Эсиңди энтелеп элиңе арна, Өзүңдү өнтөлөп жарыңа арна.
Кылт эткен ар кадамыңды
Кызырың кыраа багып,
Кырк чилтен сүйөп жүрсүн жаныңарда.
Эки атага бирдей дем болгула,
Эки энеге бирдей эм болгула,
Эгерим кем болбогула,
Кең болгула,
Телегейиңер тең болгула. Бак карасын, Кыдыр даарысын, Көшөгөңөр көгөрсүн.
Ай айланып жыл аксын, Келээр жылы канчайым
Балканактай уул тапсын.
Балаңдын төбөсү кууш Маңдайы жазы болсун.
Кудаанын көлөкөсү түшкөн
Баатырлык туушу болсун,
Башыңа алп кара куш консун, Эмесе, сөздүн атасы ушу болсун. Батадан жыйган казынаңар, Байлыгыңардын башы болсун. Оомийин!
Узаган кызга бата
Ээ, берекем, Элиңе элелүү бол, Калкыңа калалуу бол. Ата-энеңе жагымдуу бол, Кайныңа кайрымдуу бол. Айлыңа абыройлуу бол, Алганыңа жайдарлуу бол.
Берээрге белен ашың болсун, Көрөөргө көсөм жашың болсун. Бешигиң алдыңдан түшпөсүн, Башыңан жакшылык кетпесин. Оомийин!
* * *
Йа, карагым, жарыгым!
Колдосун Теңир өзү.
Инабатың ийгиликке баштасын, Пейилиң жамандыкка баспасын.
Очогуңдун оту өчпөсүн,
Арың менен жаның, Арамдыкка көчпөсүн.
Босогоң бектүү, Керегең кептүү,
Түндүгүң түптүү болсун.
Көңүлүң ачык, өмүрүң насип болсун.
Жакшынын кадырын бил,
Карынын адилин бил,
Өнөрүңдү казык кыл,
Акылыңды азык кыл.
Шагың сынбасын. Чырпыгың чынарласын, Түндүгүң мунарласын. Күнүң кыяласын, Күкүгүң уяласын.
Оюң көсөм болсун, Сөзүң чечен болсун.
Ушунун баары – сөзүмдүн наары, Кудайымдын кулагына чалынсын, Тилегим кабыл болсун. Оомийин!
* * *
Балам, барган жериңе Кетпес дөөлөт консун, Кең пейил орносун. Кудай тилегениңди берсин, Самаганың келсин.
Алдыңды бала бассын, Аркаңды мал-дүйнө бассын.
Кудай ынтымак ыраа берсин, Жашка ылайык мудаа берсин, Мудааң удаа келсин!
Ызааттуу жаштан кылсын, Башыңарды таштан кылсын. Бата бердик жаш-кары, Алганың менен тең кары.
Кош болгондо ыйлагын,
Кайын журтту сыйлагын, Акжолтой бол Алдың жарашсын.
«Алган бүлөсүн ай» – деп Алыстагылар моюн созуп карашсын. Ак элечек башыңан ообосун, Ансайын кадырың артып оболосун!
Оомийин!
* * *
Оомийин десең мына бата: Колдосун Кыдыр ата. Кызың кыяласын, Уулуң уяласын. Эл чети жоосуз болсун, Эл ичи доосуз болсун.
Өрүшүң оттуу болсун, Конушуң куттуу болсун.
Колуң берекелүү болсун, Жолуң мааракелүү болсун. Артканың төө болсун, Сааганың бээ болсун. Колуңда көгөн болсун, Оозуңда өлөң болсун.
Кийгениң кымкар болсун,
Мингениң тулпар болсун, Ырысың ашып турсун, Абыроюң ташып турсун. Досторуң басып жүрсүн, Душманың качып жүрсүн.
Өркөнүңөр өсүп, Өмүрлүү болгула. Өмүр бою ушундай, Көңүлдүү болгула. Оомийин!
* * *
Алдыңды бала бассын, Артыңды мал бассын. Ак элечегиң башыңан ообосун, Алганың менен тең кары. Кечте минер жоргоң болсун, Тойдо киер торкоң болсун. Өзүңдөй күйөөң болсун, Жетелээрге төөң болсун. Үнүң угумдуу болсун, Колуң жугумдуу болсун.
Барган жериңде
Күл кармасаң – күмүш болсун, Топо кармасаң – алтын болсун! Оомийин!
Келинге бата Башыңарды таштан кылсын, Урматтуу жаштан кылсын. Бошоң эмес тың болгула, Болоттой чың болгула.
Бата бердик жаш-кары, Алганың менен тең кары.
Алтындан бешик ыргап өт, Алганың менен тең карып, Ай тийгендей жыргап өт.
Күмүштөн бешик ыргап өт, Күйөөң менен тең карып, Күн тийгендей жыргап өт. Балдарың эр жетсин, Кудаларың төргө өтсүн. Силер да небере, чөбүрө сүйүп, Бешигиң эне терметсин. Оомийин!
* * *
Ак жолуң ачылсын,
Алтын күмүш чачылсын,
Өмүрүң узун болсун, Жегениң жүзүм болсун. Жар жамаатың көп болсун, Конушуң сенин төп болсун. Көшөгөң көгөрсүн.
Айдай бала төрөп ал, Ак бешикке бөлөп ал. Күндөй бала таап ал,
Күн нуруна жаап ал.
Ак алмадай мөмөлөп жүр,
Ак тооктой жөжөлөп жүр.
Көп алмадай мөмөлөп жүр,
Көк тооктой жөжөлөп жүр.
Ата-энеңди сыйлаган,
Керилген келин бол, Чоюлган жубан бол, Балпайган байбиче бол.
Келген жериңен бак айтсын, Эмики ата-энеңдин акыбети кайтсын! Оомийин!
* * *
Жаккан отуң өчпөсүн,
Ынтымак бирлик сакталып,
Конушуңан көчпөгүн,
Карыбагын жашаргын,
Кадимкидей жашагын. Кызырың кыяласын, Ырысың уяласын.
Кыздарың сулуу чыксын, Кыр-кырынан улуу чыксын. Уулдарың өрт туулсун, Убайын эли көрүп турсун. Башыңан бак тайбасын, Элиңен ынтымак качпасын. Кетпес кешиктүү бол, Кең ачкан эшиктүү бол. Оомийин!
* * *
Менин берген батам бул:
Кичи пейил бол келинжан,
Сыйлагын эне, атаны, Кекчил болбо, карагым, Кечирээр ар ким катаны. Боло берсин оюн-той, Кызыктуу тойго урмат кой. Акыл-эстен айрылбай, Жаштарым эске алып кой.
Кайырлуу болсун тоюңуз,
Качан да болсо ушинтип,
Кудалар төш тийгизип, Куйрук-боорго тоюңуз. Оомийин!
- * *
Кол кармашып өткүлө,
Максатыңарга жеткиле,
Мөмөлөгөн дарактай,
Түшүмүң болуп берекелүү, Аппак келин уул тапсын, Айдай торсок чекелүү.
Жүзгө жетип жашыңар, Куудай болсун чачыңар. Оомийин!
- * *
Келиним, сага бата берем: Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн, Көшөгөң көгөрсүн.
Ак элечегиң ообосун.
Эриңе адал бол.
Сарамжалдуу, сабырдуу бол.
Дайыма жайдары бол.
Кайын журтка кайрымдуу бол. Алдыңан Күн туусун, Артыңан Ай туусун.
Өмүр сүргүн бир басып, Алганың менен тең карып.
Терметкениң бешик болсун, Бакыт-таалай үйүңө толсун. Оомийин!
* * *
Келген келин төрөсө,
Алтындан казан көмөрсүн
Эмики ушу убакта,
Айдай бешик өңөрсүн, Айдай бешик ичинде, Эгиздиктер бөлөнсүн.
Ынтылып алган келини, Ынтымактуу жашасын,
Тандап алган келини, Таттуу гана жашасын.
Сыйыры каймактуу болсун,
Келини салмактуу болсун,
Сыйыры коңур болсун,
Келини оор болсун,
Сүргөнү доор болсун,
Казаны чызы-бызы болсун, Кайын журт менен сизи-бизи болсун. Суу кайнаган казанга май кайнасын, Төрт периште төрүңдө тайраңдасын, Кудай берген уул, кызың май чайнасын. Заманыңар тынч болсун,
Тынчтык жакшы күн болсун.
Уруш деген чыкпасын.
Урушту кулак укпасын.
Бейпил күндүн майкел келини болсун, Берекетиң төбөдөн баккан Теңири болсун. Оомийин!
* * *
Пайгамбар батасын берсин, Бак-дөөлөтүн берсин.
Кызыр берекесин берсин, Казаның толгон аш келсин. Уулдун урматын көр, Келиндин кызматын көр. Керегеңден баш чыгар, Келин алып кыз чыгар.
Улагаңдан баш чыгар,
Уул үйлөп кыз чыгар,
Астыңды бала бассын. Кармаганың чырак болсун, Кайнаганың май болсун.
Ичкениң кызыл чай болсун. Жакканың арча болсун,
Жамынганың барча болсун.
Кийгениң торко болсун.
Мингениң жорго болсун. Пешенең ачык болсун, Периштең улук болсун.
Өмүрүң узак болсун,
Ата-энеңер менен,
Ага-тууганың менен Ырыс-ынтымактуу жашагыла, Нээтиңерди акка атагыла. Оомийин!
Куда, жек-жааттарга бата
Бизге берген ашыңыз, Ачык болсун кашыңыз. Бизге тарткан башыңыз, Узак болсун жашыңыз. Бизге тарткан жамбашың – Аман болсун мал, башың. Бизге тарткан омурткаң – Аман болсун колуктуң. Бизге тарткан жилигиң – Өнүп-өссүн түлүгүң. Бизге тарткан кабыргаң – Айырбасын жакындан.
Бизге тарткан куйругуң – Туурда шаңшып туйгунуң, Кермеңде ат туйлап, Кемибесин бийлигиң. Оомийин!
* * *
Акылың ашсын, Ыкыласың ташсын.
Балаң неберелүү болсун, Кызың чөбүрөлүү болсун. Жакының көп болсун, Душманың жок болсун.
Жакшы келсин кашыңа,
Нур жаасын башыңа.
Айылыңар малдуу болсун, Жылкыңар жалдуу болсун. Жигиттериң эмгек этип, Агайындын алды болсун. Катуулуктан оолак бол, Таттуулукка ынак бол. Күйөө – жүз жылдык, Куда – миң жылдык.
Кудай кошкон куда болот, Пайгамбар кошкон дос болот. Көңүл төтөгөлүү, Өмүр өтөлгөлүү болсун. Таңың азандуу, Очогуң казандуу болсун.
Түндүгүнөң кут куюлсун, Дасторконуңа бүт жыйылсын. Оомийин!
- * *
Ойдо коюң жайылсын, Омуртка менен куйрук же. Кырда жылкың жайылсын, Казы менен карта же.
Байтал, бээң кулундап,
Кең жайлоодо туйласын, Кунажының музоолоп, Тоо-талаага сыйбасын. Оомийин!
- * *
Уулуңуз баяндуу болсун, Улууну сыйлар аярлуу болсун. Жүзү жарык болсун, Сөзү канык болсун. Жол жүрсө сыпайы жүрсүн, Күлсө адептүү күлсүн. Ач болсо жалаңдабасын, Ток болсо тороңдобосун.
Алды менен эрине жаксын, Эринен артылып, Элине, жерине жаксын.
Босогого бак болуп конуп, Барган жеринин алкышын алсын. Оомийин!
- * *
Жаш келиндин конгон жери, Куттуу конуш, турак болсун. Бирөө чал, бирөө кемпир, Өмүрү өткүчө ынак болсун. Кумар артып, ышкы канбай, Кыска түнгө шыбыр толсун. Балапан менен, балакай менен, Бешик ичи үбүр болсун. Кулун, тайдын кызыгы менен, Үй ичине дүбүр толсун.
Кары күтүп, бала багып, Мол кызыкта чарчап жүрсүн. Карыларга мээримдүү, Келиндерде адеп болсун. Ата тутуп, эне күткөн, Баба жолу адет болсун. Оомийин!
- * *
Келиниң зыйнаттуу болсун,
Улууну сыйлаган уяттуу болсун Сулуу жүздүү болсун, Жылуу сөздүү болсун.
Келиниң эстүү болсун,
Эл кыдырса эптүү жүрсүн, Күлсө сыпайы күлсүн.
Ачмын деп жалаңдабасын, Өз байыма келбейт деп, Каш кайрып алаңдабасын. Алды менен эрине жаксын, Агаин көбүнө жаксын.
Ушу акылымды укпаган келиндер, Бир Теңирден тапсын. Оомийин!
Келин алган үй ээсине бата
Келинди бүгүн алганда,
Буга кер эне жоолук салганда,
Айылдын баары келгенде,
Ага ак тойду жасап бергенде,
Аксакалдар келгенде,
Ак майды кармап чеңгелге,
Чачылган нандын күкүмүн,
Чаар чымчык терип жегенде, Ушу тойдон ооз тийсин деп, Топудай этти сактадың. Ушинтип берген тоюңа Элдин баары кубанды.
Бетиңе колуң жайып тур, Мен берейин бата-дубамды. Жараткан Аллам жар болсун, Жакуттан үйүң бар болсун.
Алтындан болсун түркүгүң, Асылынан кийип түлкүнүн.
Тактысына минип ал, Тамаша менен күлкүнүн. Узун кылсын жашыңды, Урматтуу кылсын башыңды. Колуңдан дөөлөт кетпесин, Ишиңди кудай эптесин. Алганың алтын чөп болсун, Айткан кебиң эп болсун.
Жалгандан башың жыргасын, Жайласын жердин жылгасын. Кыздарың кымкап жамынып, Кыйшайып колун сунбасын. Балдарың тогуз беш болсун, Сага бак-таалай ырыс тез консун. Орошолуу жай болсун,
Ортончу балаң бай болсун.
Канатташ айылын жыргаткан, Кабыргасы май болсун. Ак жалгасын, Кудайым колдосун. Оомийин!
* * *
Оомийин десең мына бата: Даарысын Кыдыр ата! Периштең уяласын, Душманың кыяласын.
Бак карасын,
Кыдыр даарысын.
Эмесе тилекти бер:
Каргагандан калас кыл. Жалгаганга жанаш кыл.
Ата-энесин ыйлатпа.
Агайынын сыздатпа.
Бала-чакасын аздырба.
Бары журтун тоздурба.
Йа, Көк Теңирим, сен колдо! Йа, Умай энем сен жалга!
Көптүн тилегин көлдөй кыл, Душман тилегин чөлдөй кыл. Жарык күндү кеңир бер, Тар көрдүн кенин бер.
Миң бир түрлүү санаадан сакта,
Жүз бир түрлүү жалаадан сакта, Көзгө көрүнөр, көрүнбөс Бардык балаадан сакта. Оомийин!
* * *
Йэ, Кудайым эскерип, Ташытсын Теңири нээтиңди. Досуң түгүл душманың Кайтарбасын бетиңди.
Кан Кошойдой сөздөрүң,
Калкыңа болсун өтүмдүү.
Дарыядай дөөлөтүң, Жээгинен ашып куюлсун. Шоолалуу болуп сөөлөтүң, Тең-тең болуп жыйылсын.
Бак келип консун башыңа, Көңүлүң көлдөй чалкысын. Пейлиңе тойгон коногуң, Ичпей-жебей балкысын.
Оомийин!
- * *
Теңирим баарын берсин, Үйүңө Кыдыр келсин. Бак-дөөлөт кирсин.
Корооңо мал толсун, Мал толсо, мол толсун. Төрт түлүгүң шай болсун, Дасторконуң май болсун.
Ар дайым коңүлүң жай болсун. Оомийин!
- * *
Ашың, ашың, ашыңа, Береке берсин башыңа. Кыргоолдой жорголоп,
Кыдыр деген жарыктык Өзү келсин кашыңа.
Бөлчүл, бөлчүл, бөлчүл бол,
Боз торгойдой төлчүл бол,
Бурама темир, сом алтын, Сууга салса кетпесин. Теңири берген насибиң, Тепкилесе кетпесин. Оомийин!
- * *
Теңири жарылкасын, Кимди жалгаса,
Ошонун жанында кылсын.
Жамандын алды жагында кылсын.
Жорткондо жолуң болсун,
Адашсаң жолго салып жүрсүн, Мүдүрүлтпөй алып жүрсүн.
Миң бир балээ, Жүз бир коогадан кагып жүрсүн. Оомийин!
- * *
Кудайым жолуң оңдосун.
Кырк чилтениң колдосун, Басып өткөн жериңе Базарлуу шаар орносун.
Кыдырып өткөн жериңе, Кызырлуу калаа орносун. Төрт түлүгүң дүпүрөп, Алдың толуп күтүрөп. Ала-шала төлдөсүн.
Сексен инген ботолоп, Сегиз келин комдосун. Токсон инек музоолоп Тогуз кемпир кылоолосун.
Желеңден кетпей тегеренип, Желкең-желкең эмиренип, Жетимиш каймал боздосун. Ичи жаман душманың, Пейлинен тапсын, озбосун.
Алтымыш айгыр азынасын, Алты жүз байтал казыласын.
Тойдун ыры ырдалып,
Токсон катын ыргалып,
Толгоно басып оң, солго Тойдун чачсын чачыласын. Ырыскың ашып жээгинен, Ырыстуу элге чачырасын.
Түндүгүң бийик серпилип, Кылым өскөн кызыл арча Очогуңда бачырасын.
Оомийин!
* * *
Йа Теңири кудурет, Малын, жанын аман эт. Башына берип бакытты, Ашына бергин берекет. Өмүр жашын узак эт, Душмандын күнүн тозок эт. Айылың, элиң аман эт, Арамдын көөнүн жаман эт. Ар кимди өз пейлинен Айланып келип табар эт. Жайлоосун гүлгүн жашыл эт, Жаш муундун күнүн асыл эт. Кара суусу бал татып, Калмакка качсын касырет. Дүйнөдөгү бар жакшылыкты, Дал ушул үйгө насип эт.
Насип этсең азыр эт! Оомийин!
ТОЙГО БАТАЛАР
Тойду кыргыздар жакшылыктуу иш, ак ниет иш деп билип, аны ар ким өз алына ылайык эл алдында шаңдуу да, даңдуу өткөрүү болуп да «жакшылык» ишке журтчулуктан бата алууну максат этишкен.
«Той өткөрөбүз» деген сөз демейчиликте, «элден бата алалы» деген сөзгө барабар жүрө бергенине караганда, тойдун максаты бата алуу: үйлөнгөн эки жашка бата алып берүү; жаңы тигилген өргөөгө, жаңы салынган тамга элден бата алуу, сүннөткө баланы отургузуп (колун адалдантып) бата алып берүү; туулган күндү куттуктап, ак тилек бата алуу.
Той чынында бир улут салтынын көргөзмөсү. Анын башынан аягына чейин ошол улуттун турмуш маданият салты бир сыйра көргөзүлүп өтөт. Ошонун ичинде бата салты да ар кайсы баскычтарында, атап айтканда, колго суу куйгандан баштап, тойдун оюн ойнотоор, күрөш, мелдеш иштеринин бардыгында санжабы менен бата жүрүп турат. Биз «тойго баталар» деген бул бөлүмүбүздө төмөнкү баталарга гана түшүнүк беребиз.
Жаңы өргөө, жаңы там салган тойго баталар. Үйлөнгөн соң жаңы өргөө тигилип, жаңы там үйлөр салынып бөлүнөт. Мындай үй болгон кезде да той берип, түбөлүк чамгарак көтөрүп, үйүнүн түтүн булатканга бата алып берет. Чамгарактан, морунан баш ыргытып ырым жасайт. Ошондо ушул тойго сойгон мал туура тартылып туруп, бата суралат. Эл тойдун малына бата берет. Негизги мааниси үйү, өргөөсү акжолтой болуп, анын ичиндегилер аман-эсен жүрүп, үйү өзүнө буюрсун, агарып-көгөрсүн деген ак тилектер.
Колго суу куйганда берилген баталар. Кыргызда үйгө келген коноктун «колуна суу берүү, колуна суу куюу парыз катары каралган. Баланы кичинесинен элге жумуш кылуунун башат тарбиясы катары башкалардын колуна суу куйдуруп көндүрөт. Колго суу куюунун да өзүнчө эрежелери бар. Бекем тартиби болот.
Өз үйүндөгүлөрдүн колуна суу куюп бата алуу болгон. Өз үй-бүлөсүндөгү бир бүлө кишилерден эң кичүү бала чөөгүн көтөрө алгандай болгондон баштап эле ал үйдүн колго суу куюу милдетин өзүнөн удаалаш улуусунун колунан алат. Үйдөгү чоңураак кишилер (чоң эжеси) чөөгүнгө (кумганга) чабыштырып даярдап койгон сууну чылапчын менен көтөрүп, сүлгүнү (суу жоолукту) моюнга арта салып, эң төрдө отурган үйдүн улуусунан (чоң ата, чоң энесинен же ата-энесинен) баштап колго суу куя баштайт. Ал эми колго суу куюучу элден мурда сууну өз колуна куюп көрүшү, өз колуна ылайык келсе, анан баштан баштап куюу керек. Куюп жаткан суу өтө калыптуу ченемде, үзүп-үзүп куюлушу керек.
Дасторкон салынуунун (тамак тартылуунун) алдында колго суу куйганда, төр жактан баштап куят. Суу куйганда чылапчын жерге коюлуп, же жерге тиер-тийбес көтөрүлүп (сол жак кол менен) турат. Оң колдо чөөгүн сабынан кармалып, бармак менен капкагы этиятта басылып турат. Сууну үзүп-үзүп колдун жарымынан көбүрөөк жайылгандай ченемде үч мертеме куюлат. Шар куюп коноктун кийим-аягына суу чачыратууга, же тамчылатып куюп, конокту зарыктырып, келбээртип туруп алууга болбойт. Суу куйган бала (же киши) сөзсүз бүгүлүп туруп, ыйбаалуу куюусу, мүрүгө арта салган сүлгүнү (суу жоолукту) башкы кишиге кош колдоп сунушу керек. Дасторконго бата кылынып, дасторкон жыйылган кезде колго суу куюуда ушул эреже боюнча болот. Мында окшобой турганы суу этектен төргө карай куюлат, суу мурдагыдан жылуулатылат. Мына ушул талаптар менен колго суу куйса, ар бир конок суу куйган балага айрым-айрым бата берген, же кыска ак тилек айткан.
Колго суу куйганга ак тилектер. Көп жаша, тилегиңди берсин, бактылуу бол, бак берсин, чоң киши бол, өмүрүң узун болсун. Кудай жалгасын, эч нерседен кем болбо, өмүрүңдү берсин, тилегиң ишке ашсын. Тилегиңе жет. Жылдызың төбөңдө болсун, жылдызың ообосун. Чоң жигит бол.
Союшка бата. Үйгө конок келгенде мал союшка бата берүү эки мерчемде өтөт; анын бирөө үй ээси союшту туура тартып, бата тилегенде коноктордун ичинен барктуу, оозунда сөздүү бирөө бата берет. Болуп да тайга бата бергенде, өтө оорактуу бата тандап берилет. Бул союшка бата бергендик. Бата берилген союш эч качан союлбай калбаган. Дагы бир мерчеми, союшту жеп болгондон кийин дасторконго бата берилет. Бул эки бата тең коноктор жагынан, өтө маанилүү, үй ээсин ыраазы кыларлык деңгээлде жакшылап берилет. Бата сөзү канча күчтүү болсо, коноктордун кадыр-баркы ошончо жогору экенин белгилеп келген.
Ал эми союш мууздарда үй ээси бата менен мууздаган. Батасыз бычак сүрткөн малдан коноктор шекшийт.
«Дасторконго баталар» дегенде, союштан бөлөк да көптөгөн дасторкон жайып конок күтүү, мейман кылуу учурлары болот. Кадыресе күнүмдүк эл үч маалкы оокат ичүүдө дасторконго бата берилет. Мындайча айтканда, кыргыздын дасторкону бата менен молугуп, дасторконго карай бата берилип келген. Албетте, «кургак дасторконго бата жүрбөгөн». Ал эми дасторкондо отурган коноктордун өз наркына карай батанын сөз кубаты чыгып, үй ээсин ыраазы кылган. Болуп да ата-эненин уул-кыздарынын дасторконуна берген батасы ошол үйдүн куту катары каралып, ата-эне перзенттеринин дасторконуна улуу тилек, ак сөздөрдү чын дилдери менен беришкен. Андан бөлөк ата-энеге күйүмдүү уул-кыздарга ата-эне бөтөнчө, өмүр боюнча бир эле жолу бүткүл ыраазычылыгын билдирип берген баталары да болгон. Андай бата ар кандай дасторконго берген баталардан маани-маңызы жагынан өйдө турган да, уул-кыздын ата-энеге болгон кызматынын зор сыйлыгы ата-энесинин бөтөнчө берген батасын алуу гана болгон. Ата-энеден мурас алууну ойлогондон көрө, алардан бата алууну ойлогон перзенттери көп.
Дасторконго берген баталардын ата-эненин перзенттерине берген батасы, коноктордун батасы жана өздөрүнүн күнүмдүк дасторконго батасы сыяктуулар болгон. Алардын мазмуну негизинен кыргыздын башка баталарынын негизинде болгон да, өзгөчөлүгү ошол дасторкон ээлерине ден соолук, эсендик, ынтымак-ырыс каалоо тилектери айтылган. Ал эми дасторконго берген баталардын мазмунуна карай улуулардын кичүүлөргө берип жаткан батасын жана кичүүлөрдүн улуулардын дасторконуна берген батасын айырмалап билүү зарылчылыгы бар.
Дасторконго коноктордун, же дасторкон үстүнөн чыкканда, кыска ак тилек айтып салам бере турган атайын сылык сөздөрү бар.
Дасторконго кыска баталар
Оомийин, ашка береке, башка дөөлөт берсин.
Бала-бакыраңардын күнү-күчүн көргүлө.
Эч нерседен кем болбогула, оомийин!
Оомийин, сыйыңар сый менен кайтсын! Дасторконуңарга береке берсин, Мал-жаныңар аман болсун, оомийин!
Дасторконуңар толсун,
Уулуңардын урматын көргүлө,
Кызыңардын кызматын көргүлө, оомийин! Учуңар узарсын, кулачыңар жайылсын, Уулуңар урум болсун, кызыңар кырым болсун.
Оомийин!
Алтын башыңар аман болсун.
Тилегиңер кабыл болсун, оомийин!
Жаңы өргөөгө атанын батасы
Ак батаны беребиз, Эки жашты бир алкап.
Бак карасын,
Кожо Кыдыр жалт карасын. Кетпес дөөлөт берсин, Кең пейил берсин. Пир колдосун, Дөөлөт орносун.
Бай кылсын,
Мамыр кылсын, Ата пири жалгасын, Жигит пири колдосун.
Умай эне, Батма, Зуура, Бүбү Кадыйча энелерибиз колдосун.
Эки жаштын жаңы өргөөсү майлуу болсун. Кайрылыштан суу алсын, Кара чачы чубалсын. Бурулуштан суу алсын, Узун чачы буралсын.
Кайненеден дуба алсын, Кара чачы чубалсын, Кайын журттан уялсын.
Көзөрдөгү кайнаган чайдай болсун, Дүйүм элге тең тийген айдай болсун. Алдын бала бассын, Аркасын мал бассын. Дөөлөткө бети кызарсын, Перзентке колу узарсын. Конушу жайлуу болсун, Казан, табагы майлуу болсун. Жегени жүзүм болсун, Өмүр жашы узун болсун.
Алып жүрсүн, алдырбасын, Жулуп жүрсүн, жулдурбасын.
Долонодой бүрлөсүн,
Тобунан уул үйлөсүн,
Уул, кызын өстүрүп,
Ата менен энеси,
Сарпайы кийип дууласын, Жете албай душман куурасын. Оомийин!
- * *
Чамгарак чалкый берсин, Керегең кеңий берсин.
Ушул үйгө кут келсин, Душманың кемий берсин.
Күндө береке, Күндө той болсун.
Кубаныч, шаттык толсун. Оомийин!
- * *
Жаңы өргөөнүн Жакканы арча болсун, Жайылып короосу малга толсун. Уугуң учтуу болсун, Уулуң сестүү болсун. Керегең кептүү болсун, Келиниң эстүү болсун.
Энелүүдөн эптүү болсун, Аталуудан эрктүү болсун. Түндүгүң түнөрбөсүн, Кемегең кемибесин.
Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң манат болсун.
Тукумуң журттан ашып, Тууганың канат болсун, Душманыңды төбөлөмөк адат болсун. Оомийин!
* * *
Дасторконуң жабылбасын, Кайгы сага кабылбасын. Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын, Кара ниеттер асылбасын.
Казынаң чачылбасын,
Каймагың бузулбасын, Кайнаган казаның токтобосун, Калгандар сага окшобосун.
Эңсегениң эшигиң жыртып, Күткөнүң күйүгүп чуркап келсин. Он эки жороңдун бири болуп, Олуя кызыр салам берсин. Оомийин!
* * *
Оо, карагым, жарыгым, Колдосун теңир өзү.
Мартабаң өссүн,
Пейилиң жамандыкка барбасын.
Очогуңдун оту өчпөсүн,
Арың менен жаның,
Арамдыкка көчпөсүн,
Босогоң бектүү, Керегең эптүү, Түндүгүң күчтүү болсун. Көңүлүң ачык, Өмүрүң насип болсун. Жакшынын кадырын бил, Карынын адилин бил.
Өнөрүңдү казык кыл, Акылыңды азык кыл. Шагың сынбасын, Чырпыгың чынарласын. Түндүгүң мунарласын, Күкүгүң кыяласын. Күкүгүң уяласын, Оюң көсөм болсун.
Сөзүң чечен болсун, Ушунун баары сөзүмдүн наары. Кудайымдын кулагына чалынсын, Тилегим кабыл болсун.
Оомийин!
* * *
Пайгамбар батасын берсин, Бай дөөлөтүн берсин.
Кызыр берекесин берсин,
Казаның толгон аш болсун, Үйүң толо баш болсун. Уулдун урматын көр, Келиндин кызматын көр. Керегеден баш чыгар, Келин алып, кыз чыгар. Астыңды бала бассын, Аркаңды мал бассын. Кармаганың чырак болсун, Мингениң бурак болсун. Кийгениң торко болсун, Мингениң жорго болсун.
Кайнатканың май болсун, Ичкениң кызыл чай болсун. Жакканың арча болсун, Жамынганың парча болсун. Бешенең ачык болсун, Бериштең улук болсун.
Өмүрүң узак болсун,
Ата-энең менен,
Ага-тууганың менен, Узун өмүрдө ынтымактуу жаша. Оомийин!
* * *
Оомийин десең мына бата, Даарысын Кыдыр ата. Кыдыр кыяласын, Периште уяласын.
Бак берсин, баш берсин, Өмүрүңө узак жаш берсин. Кетпес ырыс, Кең пейил берсин.
Коргогонго колдош кылсын
Жалгаганга жалгаш кылсын.
Каргаганга каргыш кылсын Мээнетиң ак кылсын.
Муратың так кылсын, Каба жааган кардан сактасын Чаба жааган жаандан сактасын.
Каптай чапкан жоодон сактасын
Оозу кандуу бөрүдөн сактасын,
Колу кандуу уурудан сактасын, Ушул үйгө жамандык ойлогон, Эгерим эки дүйнөдө берекет таппасын. Оомийин!
* * *
Береке берсин ашыңа, Бак келип консун башыңа. Балын татып өмүрдүн, Бабаңдын жет жашына.
Кубаныч менен досторуң, Жыйнала берсин кашыңа. Коюң козулап эгизден, Эчкиң тууп сегизден.
Майдан колуң кетпесин, Согумуң болсун семизден. Айтып турсун коногуң, Этин ай деп жегизген. Чалкып жатсын дөөлөтүң, Ташкан сел, деңиздей.
Башыңа Алла бак берсин, Адалын берсин, ак берсин. Атагың кетип алашка, Астыңа алтын так берсин. Оомийин!
* * *
Баш болсун,
Мал болсун, Узун өмүр жаш болсун, Берекелүү аш болсун.
«Ихи» деген оору болбосун,
«Келе» деген доочу болбосун. Баккан балээ болбосун. Калк ордунда болсун, Хан тактысында болсун.
Хандын калаабасынан сактасын,
Жаттын дооматынан сактасын,
Айкырып тийген жоодон сактасын, Адам өлгөн чуудан сактасын. Бак карасын, Кыдыр даарысын.
Эл ичи тынч болсун, Эмгек кайнап турсун, Береке жайнап турсун.
Карыларыбыз нускалуу болсун, Байбичелерибиз берекелүү болсун. Кыз-келиндерибиз уяттуу болсун, Уулдарыбыз ыймандуу болсун. Оомийин!
* * *
Ак барчын, кызыл барчын, Тилиң кызыл болсун, Тилегиң узун болсун.
Бак карасын башыңа,
Куру сайыңа суу аксын, Элиңе ишиң жаксын.
Берекет берсин ашына,
Кызыр келсин кашыңа, Узун өмүр жаш берсин, Бала-чака башыңа! Оомийин!
* * *
Оомийин деп кол жайсаң, Мен батамды берейин.
Мобу отурган көпчүлүк, Баарына бакыт тилейин: Эч бириңдин башыңда,
Жамандыктар болбосун.
Санап чыксаң бирөөсүң, Кыдыр болсун жолдошуң.
Не тилесең тилегиң, Кабыл болуп орносун. Жалгыз Теңири жар болуп, Арбактарың колдосун. Оомийин!
- * *
Көпчүлүк көл, Көл кургаса чөл.
Чөл элге келбесин, Ал күндү кудай, Адамзатка бербесин.
Көл бөксөрбөй толкусун.
Бүгүнкү ишиң көпчүлүк, Толкуган көлгө окшосун. Оомийин!
- * *
Ала-Тоодой козголбос, Маңдайга багы орносун. Азап чекпей жаш-кары, Айылында дайым той болсун. Жеңишиңди көрө албай, Жезиттер түбү кор болсун. Айкөл Манас атабыз, Арбагы менен колдосун! Оомийин!
- * *
Улуулардан урк кетпесин, Кичүүлөрдөн ырк кетпесин. Эркектерден эрк кетпесин, Зайыптардан көрк кетпесин. Ок тиштешкен шарты урат, Эрендерден шерт кетпесин.
Кан Кудаанын көлөкөсү,
Калайыктын кусуру урат, Калкы алдында ант кетпесин. Калк чайкалса жер чайпалат, Кара журтка берт кетпесин. Оомийин!
- * *
Бата деп көтөрдүм билегимди, Кудайым берсин тилегиңди. Пайгамбар батасын берсин, Бак-дөөлөтүн берсин. Керегең көрктүү болсун, Келиниң септүү болсун.
Уулуң оттуу болсун, Улагаң куттуу болсун.
Кызың кырк жылкы болсун,
Күйөө балаң тактыда болсун, Умай эне батасын берсин, Бак-дөөлөтүн аябай берсин.
Өрүшүңөрдө мал жайласын, Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп, Тайларыңар талааңарда тайраңдасын. Башыңардан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун, Баары туугандар эсен болсун. Айгырыңар үндүү болсун, Кочкоруңар жүндүү болсун. Өгүзүңөр күчтүү болсун, Инегиңер сүттүү болсун.
Атан, нарың жүктүү болсун, Аталган жарың куптуу болсун. Корооңор кыктуу болсун, Конушуңар ыктуу болсун. Куру сайыңан суу аксын Кылган ишиңер элге жаксын!
Оомийин!
ЭМГЕК БАТАЛАРЫ
«Иш илгери болсун» деген ак тилек сөздөн улам кыргыздарда ишти, эмгекти илгери сүрүүнүн көкcөөсү, өнүгүүнүн кычыган кыялы ар дайым бар экенин алды менен айтууга болот.
Кыргыздар тарыхында мал чарбаны негиз кылган тиричилик менен эмгектенген. Бирок кыргыз тарыхынын желе боосуна серепчелей карасак, кыргыз эл чарбасында дыйканчылык эмгегинин тарыхы да кыска эмес, Ханзу тарыхы жазмалары жана Энесай өрөөнүн таануучулук изилдөөлөрдө кыргыздарда тээ эртеде эле дыйканчылык чарбасын тутунган, дыйканчылыкка уруна турган шаймандарды жасагандыгы жөнүндө тарыхта айкын жазылгандыгы бар. Алып айтсак, «Жаңы тандаманын» кыргыздар баянында: «Кыргыз жергесинде сулу, таруу, кара буудай, арпа сыяктуу эгиндер болот. Алар аяк оонада түшүм алышат, данды жаргылчак менен тартып майдалашат» – деп жазган. Энесай өрөөнүн таануучу тарыхчы В.Бутанаев «Энесай кыргыздары» деген эмгегинде кыргыздар эртеде эле эгин менен кесиптенгенин, Энесай өрөөнүндөгү эл оозунда бүгүнкү күндө да «хыргыз таргалары» (кыргыз айдоолору), «хыргыз кооби», (кыргыз арыктары) деген сөздүн жергиликтүү элдин оозунда айтылып, алынып келгендиги менен ырастайт. Дегинкиси, кыргыздар малчылык жана дыйканчылык кесибин байыркы замандан бери тутунуп келет.
Эмгектен жеңилденүү, сеп алуу максатында эмгекке коштоп, иш ыргагына шайкеш айтылган уйкаштуу көркөм сөздөрдүн тизмеги эмгек ырлары деп аталат.
Кыргыз эл ооз адабиятынын ичинде эмгек ырлары баштапкы түрү, мазмунунун молдугу менен орчундуу орунду ээлейт. Эмгек ырлары тээ уруулук коомдун алдындагы баштапкы доорунда эле жаралганы, кыргыз эл адабиятынын баштапкы түрлөрүнөн экени белгилүү.
Кыргыз эл ооз адабиятында эмгек ырларынын түрлөрү абдан көп болсо да бизге малчылык, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк эмгектерине байланыштуу аз гана нускасы жетип отурат.
Айтмак, ал бизге жеткен түрлөрү тээ баштапкы доордо айтылган нускасы боюнча эмес, кийинки доорлордун кошундулары менен жабдылып, бир кыйла бурулган (түрлөрү боюнча). Бизге жеткен бул эмгек ырларынын түрлөрү кыргыз эл ооз адабиятынын түрлүү, түстүү болушун камдап гана калбай, кыргыз элинин эмгекчил экенин туюнтуп турат.
Малчылык эмгек ырлары. Мал чарбасын өнүктүрүү эмгектерине коштолуп чыккан эмгекти жеңилдетүү, эмгектен сеп алуу максатында айтылган көркөм адабияттын күнү малчылык эмгек ырлары деп аталат. Малчылык эмгек ырларынын чыгыш тарыхы кыргыз эл ооз адабиятында тээ эрте доордун табылгасы болуп эсептелет.
Малчылык эмгегинде «Бекбекей» менен «Шырылдаң» аттуу чоң көркөм чыгармалар чыгарылган.
Бекбекей. Бекбекей ыры короо кайтаруу эмгекте коштолуп чыккан эң байыркы эмгек ырларынан эсептелет.
Көчмөн чарба менен болуп келген кыргыз элинде кой өстүрүү тиричиликтин маңыздуу бир салаасына айланган. Койду көбөйтүүдө аны бөрү жана башка жырткычтардан кайтарып алуу милдети болгон. Бекбекей ырынын мазмунуна караганда, короону түндөсү кыз-келиндер кайтарган. Ошол короо кайтаруу эмгегинде Бекбекей ыры жаралган.
Бекбекей ырынын жаралышы эки нерсенин зарылдыгынан болгон түрү бар: биринчиден, таң атканча короо кайтаруу, уктабай жүрүү, оор эмгекте өзүн жоокалатуу, уйкудан алаксытуу үчүн ыр айтуу зарылдыгы туулган. Экинчиден, бөрү, жырткычтардан короону кайтарууда үн салып, кыйкырып, табыштап жүрүү зарылчылыгы болгон. Ошого ырды жөн эле айтпай обондотуп, арасына «ээ-э, эй, уу-уй» деген кыйкырык кошуп, обон салуу керек болгон. Бекбекей ыры короо кайтаруу эмгегинин ажатына ылайык жаралган ыр десек болот.
Ал эми «Бекбекей» деген сөздүн азыркы кыргыз тилиндеги мааниси изилденип табыла элек, бирок Бекбекей ырынын мазмуну, түшүнүгү боюнча, ар бир малдын ээси, пири болот деген сыяктуу короонун да ээси, калкалоочусу болуш керек деген түшүнүк келип, короонун ээси «Бекбекей» (Бектен бек сактоочу) деп, аны адам сыңары наристе элестетип образ жараткан да, Бекбекей ырындагы сөздөр ошол короонун ээси болгон. Бекбекейге каратылып айтылып, Короо Пирине жалынышып, короону, койду аман-эсен коюусун тилеп турган.
Бекбекей ыры мазмуну, түшүнүгү жагынан болсун, же ичиндеги кээ бир байыркы сөздөрдүн жолугушунан болсун, эң эртеде жаралган эмгек ыры болуп эсептелет.
Кыргыз эл ооз адабиятында Бекбекейдин айтылыш түрлөрү эң эле көп. Төмөндө кыскараак айтылган түрү менен таанышып көрөлү.
Бек-бе-кей, ууй! Бекбекей!
Кумга чыккан чечекей,
Куюлушкан Бекбекей,
Ташка чыккан чечекей, Талыкпаган Бекбекей.
Ийнемдин учун майтардым, э-эй!
Бүгүн бир короо кайтардым, э-эй!
Ийнемдин учун түзөттүм, э-эй!
Ишенбей короо күзөттүм, э-эй! Уугумдун учу долоно,
Ууру да, бөрү жолобо!
Уугумдун учун учтаймын,
Ууру бир келсе уңжуңдап,
Башын бир айра муштаймын! Бек-бе-кей, уу! Бекбекей! Күңгөй менен Тескейдей, Бет алышкан Бекбекей. Көгүлтүр көлдөй чайпалып, Чеп алышкан Бекбекей. Короомдун чети таман жол, Кайтарган коюм аман бол.
Кыз-келин короо кайтарган, Кадимден калган салт ошол. Күңгөйдүн бети таман жол, Күзөткөн коюм аман бол.
Күзүндө короо кайтарган,
Илгертен калган салт ошол.
Бөрү келсе уштайбыз,
Бөйрөгүн жара муштайбыз, Бекерчи келсе уштайбыз, Бетин айра муштайбыз.
Өгүзгө чатып байлайбыз, Өкүртүп жатып байлайбыз. Төөгө чиркеп байлайбыз, Төбөгө чаап айдайбыз!
Бек-бе-кей, ууй! Бекбекей, уу! Бекбекей! Ала байтал тактекей, Айкалышкан Бекбекей.
Кула байтал тактекей,
Куюлушкан Бекбекей.
Көктөн бир булут сөгүлөт, Көнөктөп жамгыр төгүлөт. Куйруктуу кара токтуну,
Куудул, шуудул түгөнгүр,
Куткарбайм деди көрүнөт, Асмандан булут сөгүлөт. Аяктап жамгыр төгүлөт, Ак ала чалыр ирикти. Араандай болгон оңбогур, Аңдып турат көрүнөт.
Бек-бе-кей, ууй, Бекбекей!
Аксай менен Көксайдай, Таш алышкан Бекбекей, Арпа менен буудайдай, Баш алышкан Бекбекей.
Бүгүн бир айдын он беши, Сарбашыл улак төл башы, Салпылдаган бөрүнүн Сайда калсын куу башы. Күн санасам он беши, Күрөң козу төл башы. Күкүм, талкан болсо экен, Көк чунактын куу башы. Эл көчөрдүн белгиси,
Карача каймал буркурайт.
Таңатардын белгиси.
Тараза жылдыз жаркырайт, Үркөр жылдыз үч жылдыз, Күзөткөн коюм алты жүз. Алты айланып келгиче, Алты аркар жылдыз батпайбы. Таң сөгүлүп атпайбы, Кайтарган коюм жети жүз. Жети айланып келгиче,
Жетиген жылдыз батпайбы. Таң кашкайып атпайбы!
Күзөткөн коюм үч-төрт жүз, Үч айланып келгиче
Таң үйрүлүп атпайбы!
Бек-бе-кей, уу, Бекбекей!
Кара тоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей, Кара макмал тонуңа Жең болоюн Бекбекей. Кызыл тоону этектеп, Мен коноюн Бекбекей. Кызыл жака тонуңа, Жең болоюн Бекбекей. Иче турган ашыңа, Бал болоюн Бекбекей. Мине турган атыңа Жал болоюн Бекбекей. Көлөкөлөп олтурсаң, Таң болоюн Бекбекей.
Ай-чырайлуу бетиңе,
Кал болоюн Бекбекей.
Бек-бе-кей, уу, Бекбекей! Бекбекейим бек айтам, Бейли жакшы койго айтам. Бекбекейим бел ашты, Белиңе белбоо жарашты. Саксакай ашты, сак ашты, Санына саадак жарашты. Минген атым ак кашка, Канжыгам кайыш ак тасма.
Карап турган карышкырдын Тумшугу тийсин ак ташка.
Минген атым көк кашка,
Канжыгам кайыш көк тасма, Көрүп турган уурунун, Мурду тийсин көк ташка. Жылкынын ичи жык текей Шыңгыроолуу Бекбекей. Колоттун ичи кой текей, Коңгуроолуу Бекбекей. Жылганын башы жыл текей, Жылаажындуу Бекбекей. Коктунун башы кой текей, Коңгуроолуу саксакай.
Бек-бе-кей, уу, Бекбекей! Кара чакан байдубал.
Кайтарбасак малга убал,
Кызыл чакан байдубал,
Кыйкырбасак малга убал,
Түндө жортуп жүгүргөн, Түлкүнүн буту сөгүлсүн, Түн уйкуну үч бөлгөн, Түгөнгүр каның төгүлсүн!
Унжуңдап түндө аңдышкан,
Уурунун буту сөгүлсүн,
Таттуу уйкуну так бөлгөн, Улума каның төгүлсүн! Койдун сүтү коргошун, Кой уурдаган оңбосун!
Эчкинин сүтү эрменде, Эчки уурдаган шерменде. Жылкынын жүнү жылтырак, Жылкы уурдаган куу туяк. Төөнүн жүнү улама, Төө уурдаган сулама.
Төгөрөк түндүк төөнүкү,
Төрт булуң саба бээники.
Бек-бе-кей уу, Бекбекей! Кайтарган короом сак болсун, Эртең бир бетим ак болсун!
Шырылдаң. Кыргыз эл ооз адабиятындагы эмгек ырларынын ичинде «Шырылдаң» жылкы чарбасын өстүрүү эмгек барышында чыккан эң эски ырлардан болуп эсептелет. Шырылдаң ырынын чыгышы жөнүндө эл ичинде айтылган уламыш сөздөр ар түрдүү айтылып келген. Кээ бирөөлөрдүн айтуусунда, «Шырылдаң» Камбар атанын ыры болгон имиш, бул ыр текстинин өзүнөн алып караганда, «ташка таруу бүткөндө, талаша чыккан шырылдаң, кумга конок бүткөндө, кошо чыккан шырылдаң» болгон. Ушул сөздөргө караганда шырылдаң ырынын чыгышы эң эрте экени белгилүү болуп турат. Ал эми «шырылдаң» деген сөздүн кыргыз тилиндеги мааниси да тактала элек.
Шырылдаң ырынын аткарылышы, айтылуу шарттарына караганда шырылдаң жылкычылардын «айттоо» майрам күндөрүнүн ырларынан болсо керек. Андай дешке себеп, бул ыр ар бир үйгө кыдырып, айттап жүрүп айтылат. Бирок шырылдаң ырынын чыгыш теги, ал сөздүн мааниси жөнүндө изилдөө мындан аркынын иши болуп турат.
Шырылдаң ырынын курулмасы үч түрдүү мазмундан түзүлөт. Биринчи курулмасы, шырылдаңдын салты экени, ал жылкычынын ыры экени айтылып, шырылдаң тааныштырылат, экинчи курулмасы мактоо болуп, айттап барган үйдүн жөн-жайын атап мактайт.Үчүнчү курулмасы, бата болуп, айттап барган үйгө ыраазычылыгын билдирип ак бата берет, же нааразы экенин билдирип, жамандап ырдайт, каргайт.
Кыргыз эл ооз адабиятында шырылдаң ырынын айтылыш варианттары көп, кээ бирөөлөрүндө терме, санат ырлары менен камтылып айтылыт.
Шырылдаң ырынын туруктуу обону бар. Ар бир сап ырынын соңунда «эй» деген сөз обондолуп айтылып, үй ичиндеги адамдарга кайрылуу маанисин берет. Шырылдаң ыры көбүнчөсү түндөсү аткарылгандыгы жөнүндө маалымат бар.
Төмөндө шырылдаң ырынын бир түрү менен таанышалы.
Саап, саап сабайлар эй.
Салам айттык агалар, эй, Бөртө, бөртө, бөртөлөр эй.
Бөртө байтал сур чалар эй,
Чалып салың камандар, эй,
Жатып алсын жамандар, эй, Угуп алсын жамандар, эй. Угуп алсын агайлар, эй, Билип алсын жеңелер, эй.
Шыпшырылдаң шыр экен, эй, Жылкычынын ыры экен, эй, Ташка таруу бүткөндө, эй.
Талаша чыккан шырылдаң, эй.
Кумга конок бүткөндө, эй,
Кошо чыккан шырылдаң, эй,
Адыр,адыр тоолордон, эй,
Айгыр минип биз келдик, эй, Айгыр оозун тарта албай, эй, Ага үйүнө туш келдик, эй.
Ага эмне союптур, эй? Ага баккан коюн союптур, эй, Бизге эмне коюптур, эй?
Карчыга, төшүн коюптур, эй. Агаң өзү үйдө бекен, эй, Үйдө болсо үн берсин, эй.
Ак боз аты боода бекен, эй,
Боода болсо болкусун, эй, Боору жүнү толкусун, эй
Ак боз аттын үстүнө, эй,
Ак жак ичмек жарашат, эй, Ак жак ичмек үстүнө, эй.
Көкчө токум жарашат, эй, Көкчө токум үстүнө, эй, Көмкөк ээр жарашат, эй.
Көмкөк ээр үстүнө, эй,
Кымкап көпчүк жарашат, эй, Кымкап көпчүк үстүнө, эй, Агам өзү жарашат, эй.
Агам өзү колунан, эй,
Албарс кылыч жарашат, эй. Албарс кылыч чабарга, эй.
Душман башы жарашат, эй. Душман башын көмөргө, эй, Боз топурак жарашат, эй. Боз топурак үстүнө, эй, Байчечекей жарашат, эй. Байчечекей терерге, эй,
Эчки, коюң жарашат, эй,
Эчки, коюң багарга, эй,
Эркек балаң жарашат, эй, Эркек бала колуна, эй.
Эмил таяк жарашат, эй,
Эмил таяк чабарга, эй,
Эткел коён жарашат, эй, Эткел коён саларга, эй.
Кара казан жарашат, эй,
Кара казан асарга, эй,
Кайчы тулга жарашат, эй
Кайчы тулга асарга, эй, Чекем өзү жарашат, эй,
Берекелүү колу бар, эй,
Пери кызындай салты бар, эй,
Келип калдык эшикке, эй,
Кочкордой уул берсин бешикке, эй, Жеңем өзү уз бекен, эй?
Үйү толгон кыз бекен, эй?
Үйүң, үйүң, үйүңдүр, эй,
Үйүңдүн көркү кызыңдыр, эй, Кызың эмес, чийиңдир, эй, Кызыл-тазыл түгөндүр, эй.
Аны билген өзүңдүр, эй,
Уздун өзү жеңекем, эй,
Мал дүнүйө жагы кең экен, эй, Казан-аяк калдырайт, эй. Курут салып атат бекен? Бычак учу жылтырайт, эй Май томуруп атат бекен?
Айт десеңер айтабыз, эй,
Кайт десеңер кайтабыз, эй.
Өзүбүз билген жылга жол, эй, Жыла-жыла кетебиз, эй, Жылкыбызга жетебиз, эй.
Боордогу боз колун, эй,
Бото ширге салабыз, эй, Саап сүтүн алабыз, эй,
Чоң сабага куябыз, эй.
Кылкылдап жутуп турабыз, эй.
Төбөдөгү төрт жылдыз, эй,
Бата калып баратат, эй,
Минген атың жаш эле, эй, Жата калып баратат, эй. Шыпшырылдаң шыр экен, эй, Жылкычынын ыры экен, эй.
Карылардын наркы экен, эй,
Кадимкинин салты экен, эй, Кадыр түндө какшаган, эй, Жигиттердин айты экен, эй.
Балдар, балдар кайталык, эй,
Башка айылга айталык, эй, Буга бата берелик, эй, Агам көөнү жай болсун, эй, Чайкаганы бал болсун, эй.
Ичкени кымыз, май болсун, эй,
Жегени куйрук, жал болсун, эй, Жамынганы зарча болсун, эй.
Агамдын мингени буудан болсун, Балдарынын мингени кунан болсун. Короосуна кою толсун, Желесине бээси толсун. Айры өркөчтүү төөсү толсун, Төрт түлүгү тептегиз болсун! Оомийин!
Шырылдаң айтып барган үйдөн айттап барган шырылдаңчылар нааразы болсо, салт билбеген бакылдарды кордоп ырдаган, же батанын ордуна каргаган. Төмөндө шырылдаңчылар ырынын соңку курулмасынын каргыш түрүндө айтылышын көрүп багалы.
Түн катып келдим айылыңа, Кебиң өтпөйбү зайыбыңа.
Чыгалбадың эшигиңе,
Уул тургай, кыз бербесин бешигиңе. Үйүңө келип бука сүзсүн, Үмүтүңдү кудай үзсүн! Уйку аралаш оору тийсин, Үйүңү тоноп ууру кирсин.
Коюңу кырып бөрү тийсин,
Ушундай болмок бакыл деп.
Эл-журттун баары күлсүн! Оомийин!
Мал телүү ыры. Малчылык эмгегинде түрдүү малдарды телүү түйшүгү бир кыйла орунду ээлейт. Мал телүү эки түрдүү жагдайда болгон: бирөө, өз баласын жериген малдарга баласынын телүүсү, экинчи бирөө, жетим калган жаш малды башка энеге алынтуу болуп эсептелет. Бул түйшүктү иштеген малчылар телүүнүн түрдүү аракеттерин жасоо менен бирге, малга адамча ыр менен кайрылып, алынып калуусуна насаат айткан. Тил билбеген, сөз укпаган айбанга ыр айтуу, биринчиден, мал телүү түйшүгүн жеңилдетүүгө арга болсо, экинчиден, ыргактуу добуш менен айтылган обон айбандын көөнүн көйүтүүгө себин тийгизген түрү бар. Мал телүү ырларынын ичинде кой, эчки телүү ырлары бир кыйла кеңири түрдө айтылат. Кадыресе, кой, эчки телүү түйшүгүн иштеген адамдардын чыгармачылык жөндөмүнө ылайык түрдүүчө ыр чыгарылган. Биз төмөндө кыска түрлөрүнөн үлгү көрсөтүүнү ылайык көрдүк.
Кой телүү ыры
Түгөй, коюм, түгөй, ме Менин коюм алынча ак. Ала мончок салынчак, Алынсаң алты күн.
От жерге айдап багабыз,
Алынбасаң алты күнү Керегеге таңабыз, Түгөй, коюм, түгөй.
Кекире жесең кепшеп бер,
Шыбак жесең шыпкап бер.
Өз энеси таарынчаак, Өгөй энеси алынчаак, коюм. Түгөй, коюм, түгөй, Өз балаңды ала кой, коюм.
Мээр эмчегиң сала кой, коюм. Өз балаңды жерисең. Өз башыңа көрүнөт, Түгөй, коюм, түгөй!
Эчки телүү ыры
Чучуу, чучуу,
Пааша мүзүрүң, Улагыңды албасаң, Уруп жатып өлтүрөм. Эмчегиңди бербесең, Этиңди кесип өлтүрөм.
Чучуу, чучуу!
Башы жакшы эчким,
Багып калат баласын, Көзү жакшы эчким, Көрүп калат баласын! Чучуу, чучуу!
«Желеге баталар». Бул да малчылык эмгегиндеги баталардын бир түрү болуп, ар жылы туңгуч желе тартып, кулун байларда желе башына берилчү бата болуп эсептелет. Кыргыздарда бээ байлаган желени ыйык көрөт, желени аттабайт, желени кабак жакка таштабайт, желенин, желе боонун тазалыгын сактап, даарат кылууга тыйым салынат. Ак бата менен тартылган желе актуу-сүттүү болуп, кымыз адам денесине сиңимдүү, үй ээси аманэсен болот, Камбар ата колдойт деген тилекте болушат. Желеге берилген батада мал-баш аман болуп, Камбар ата колдоосуна алып, кулундар жорго, күлүк чыксын деген ак тилек айтылат. Желеге батанын ичинде, алгачкы кымыз ооз тийген күнкү бата да дайым берилет. Ал үй ээсине, жаңы кымыз ачыткан үйгө берилет.
Койчулук эмгегинде ар жылы эң алгач кой кошоктоп саардын алдында бата берилген. Кой кошок батасынын негизги мазмуну «кой сүтү коргошун» деген актын берекеттүү болуусун, кой чарбасын, анын пири болгон Чолпон ата колдосун деген тилек сөздөр айтылган. Эмгек баталарынын ичинде кой кошок баталары да арбын, бирок биз андан өрнөк гана көрсөтө алдык.
Кыргыздарда иштин, эмгектин үстүнөн чыкканда ак тилек, кыска бата сөз айтып салам бермей адаты бар. Салам берген кишинин ак тилегине жараша саламды алик алган (кабыл алган) киши да жандырмагын жылуу сөздөр менен айткан. Төмөндө баталарды баштоодон мурда ошол иш, эмгек үстүндө айтылган кыска салам баталарына үлгүлөрдү келтирели.
Иш, эмгек үстүнөн чыкканда кыска айтылуучу ак тилек саламдар: Кырманга: кырманыңар толсун. Иш илгери болсун.
Орумга: орогуңар мокосун.
Уста узанганга: көөрүк долу болсун, кен темирге толсун.
Кербенге: жүгүң байсалдуу болсун, соодаң жолдуу болсун.
Саанчылыкка: саан көбөйсүн, мал байыбасын.
Кыркымга: багаар, кыркаар көбөйсүн, шуушаң мокосун.
Төл алганга: төл башың акжолтой болсун.
Корооң коюлсун. Өрүшүң малга толсун.
Союш үстүнө: согумуңар чүйгүн болсун, сойгонуңар семиз чыксын, союшка береке берсин.
Сайма, ийне ишине: арыбагыла, ийне учу мокосун.
Кой кошок ыры. Малчылык эмгегинде сүт сааш негизги эмгектердин катарына кирет. Койду сааганда кошокко тартып сааш ылайык болгон. Ошол кошок тартылып болуп, сүт сааш эмгеги башталганда төмөнкү тилек ыры менен башталган:
Кызыл кандан айрылган,
Аппак сүтүң бергиниң, Чолпон ата баш болуп, Кошокту колдоп бергиниң! Пендеге берген ырыскы, Берекесин бергиниң!
Козу байлоо ыры. Мал чарбачылык эмгегинде, козу байлоо, кой сааш эмгеги иштелет. Козу байлоо түйшүгү бир кыйла оор болот. Мына ошол эмгектен өзүн сеп алдыруу үчүн козу байлоо ыры чыккан. Ал төмөнкүдөй ай тылат:
Көгөн, көгөн дегенде,
Көгөнгө барып башың сал, Алмай-келмей байланып, Апакай козум, жоошуп кал. Көгөнүңдүн башында, Тегерек куйрук төл башчы. Быйыл малым көбөйөт, Төл башы козум ургаачы. Ак токтумдун козусу,
Ак чегиртке, чоң курсак.
Бош байласаң бошонот.
Мойнуна келбейт боз бурчак.
Тоодон учуп сакайган,
Төкөр койдун как шыйрак,
Анын арка жагынан, аркар мүйүз
Жуп жатарда туулган,
Төрт мүйүздүү боз кашка, Сүзөгөн болуп каларбы, Үлүрөйүп бир башка.
Үксөк баштын козусу,
Сүрдүү кочкор болорбу, Алкымында кош сөйкө, Аны сойгон оңорбу.
Эне бөлөк, эки ача,
Эгиз туулат кууганы,
Ырың болот килейген, Мунун урук-тууганы.
Кичинекей жылбырска,
Кибирейген кенжегим, Колунан нан талашып, Бирге ойногон эрмегим.
Ара туулган араң жан,
Ала бөйрөк, кыңыр бут,
Тебетейдей зампалап,
Сен туулганда болду жут. Ырдап козу байлайын, Ырыска шерик баламын. Кайтарган козум аман бол, Акжолтой менин таягым.
Эн салуу ыры. Кыргыздар мал чарбачылыгында менчик малына эн салып багуу адаты тээ уруулук коомдон башталган болуп, бир уруунун менчик малына бир түрдүү эн салынган.
Мал өстүрүүдө малга эн салып ээлик кылуу бир түрдүү эмгек катары саналып, эн салуу эмгек ыры коштолуп кошо чыккан. Ал ырдын түрү көп, ар башка нускада айтылат. Төмөндө үлгү катары бир түрүн көрүп багалы.
Батыркандын бакан эл, Бап жарашкан чакан эл.
Тилекматтын тилмеси,
Ормонбайдын оймосу,
Тоймотбайдын малында,
Топчулама эни бар, Абдан байкап билбесе, Аздырып кетчү жери бар.
Ашкере турат кулакта,
Аркарбайдын кыймасы, Кошмок эн салып алыптыр, Коёналы сырдашы.
Кулагына кош тамга, Кубулжуган шок тамга, Тумшугун туура кайраган.
Турбастан ачык таанылган.
Санына баскан тамгасы,
Жарашат экен бодого,
Жылкыбыз азоо, үркүнчөөк, Жыга тебет жолобо.
Жакшынакай эн салдым,
Малың эми жоголбойт,
Өз малымды талашкан, Акыры түбү оңолбойт!
Желе тартуу ыры. Бээ байлап, кымыз ачытуу эмгегинде желе тартуу, желеге кулун байлоо түйшүгү иштелет. Желе тартуу эмгеги төмөнкү тилек ыр менен баш талат.
Кулун тайым жөрөлгөлүү болсун!
Кымызды ичкенге буюр, Желе боом кең болсун, Көнөгүмө сүт толсун. Желе боомо кызыр даарып, Үй ичине кут консун! Бүгүн кулун байладым, Камбар атам колдосун.
ДЫЙКАНЧЫЛЫК ЭМГЕК ЫРЛАРЫ
Кыргыз эли тээ эртеде эле мал чарбасы менен кошо дыйканчылык чарбасын тутунуп келген. Дыйканчылык чарбасын өнүктүрүү эмгектеринде бир кыйла тажрыйба жаратып, эгин өздөштүрүүнүн уусун билип кеткен. Бирок өндүрүш куралдары бечел илгерки коомдо дыйканчылык эмгектери абдан оор болгон. Адамдар эмгектенгенде аябай чарчаган. Ошондо өздөрүн эмгектен жоокалатуу, эмгектен сеп алуу аргасын көркөм адабияттан таап, эмгектен тербелине жараша ыргактала турган ырларды жаратып, эмгекке коштоп обондотуп айта жүрүшкөн.
Кыргызда мал чарбачылыкка байланыштуу сөздөр, атоолор көп болуп калбай, арийне эгинчиликке байланыштуу сөздөр да бир чама көп (мөмө, жашылча кесибине караганда). Ошого жараша эгинчиликке ак тилек сөздөр, эгинчиликтин пирлерине тилек айтуу сыяктуу ак баталардын түрлөрү калыптанган.
Кыргыздарда иш үстүнөн чыкканда анын илгери болуусун тилеп салам айткан ак тилек сөздөр абдан көп. Андан бөлөк төмөнкү жагдайларда да бата айтуу салты калыптанган.
Үрөн сепкендеги бата. Кыргыз жерлерин эккенде кол менен үрөн себет. Үрөн себүүнү эң эле ыйык жумуш катары караган да, үрөн себүүчүгө анын текши себүү өнөрүнө талап койгондон бөлөк, үрөн себүүчү өзү агарып-көгөргөн, көлдөй пейили бар, дили таза адамдарды тандап, эң алгачкы бир ууч үрөндү амач, буурсун ж.б. менен жумшартып койгон «Жер эненин» кучагына сепкен. Ушул эң мурдагы бир ууч үрөндү себе баштаганда кыргыздар үрөнгө келечектеги мол түшүмдү каалап айтып сепкен. Бул каалоо сөздөр кыргыздардын табиятка болгон «адамчалоо» ишеними аркылуу алып барылып, табияттын ээси, пирлери ал «жылуу сөз» ак баталарды угат деген аңыздык түшүнүк боюнча, табият менен сүйлөшкөн таризде ак батасын, тилегин, кудум алакан жайып алдында бата тилеп турган кишиге окшош мамиледе бата берип, үрөн сепкен. Жылуу сөздөрү аркылуу үрөнүн табияттын мүчөлөрүнө ырыскы чачып жаткансып, бир уучун – «жетим-жесирге», дагы бир уучун – «кары-мискинге», андан кийинкисине – «ачарыкка», андан соң – «курт-кумурскага» ж.б. сыяктууларга ырыскы бөлсүн деп себет. Дагы бир мазмуну үрөндү «Умай эненин» колу менен сээп жаткан таризде, ак бата «Умай эненин» оозунан чыгып жаткан ыңгайда айтылып, «Умай эне» табияттын башка мүчөлөрүнүн пирлерине табыштап, аларды үрөндүн мол түшүмдүү болушуна кол кабыш этүүсүн тапшырып айтылат. Мында айтылат табияттын ар кайсы заттарынын пирлеринин аталышы кыргыздардын эң байыркы ой жүгүртүү, табиятты таануудагы наристе ойчулдугун көрсөтүп турат.
Үрөн себүү
Мына септим уучтап, Жылуу жерден конуш тап. Бу – жетим-жесирге, Мунусу – карып мискинге.
Бу – ач-арыкка,
Мунусу – алсыз карыпка.
Булары – курт-кумурскага,
Мунусу – сурамчыга, А бул – тилемчиге,
Булары – саламчыга.
Калгандары – сизге, бизге, мага.
Йа, Баба дыйкан,
Курт-кумурска, жан-жаныбардан калганы меники.
Йа, Кудай,
Абадан жаадыр, жерден өндүр.
Бала-чаканын ырыскысын өзүң жеткир.
Көптүн насибине,
Баба Дыйкан жолуна, Оңго, оңго, оңуна. Баба дыйкан жолдошум Бардык ишти оңдосун. Бардык жерде колдосун, Жар болуп жылоолосун.
Эми биягын мен билемин, Сугатың өксү болбосун, Өнгөндө арам чөп койбосмун. Арыгың кенен чабылат, Корукчуң арбын табылат. Тилегим жөн, Өн үрөнүм, өн!
Береке берк байласын, Бердик Баба Дыйканга Бириң миңден чайласын. Оомийин!
* * *
Күчкө кирсин билегим, Кабыл болуп жайында, Оңго тартсын тилегим.
Үрөн алдым колума,
Тилек кылып жерге себем,
Дыйкан баба, ата салтым,
Тепсесе экен
Дыйкандардын дүрбөнү, Ак буудайдын үрөнү,
Жараткандын аты үчүн,
Жан-жаныбарлар акы үчүн, Үрөн септим жериме,
Дем кошулсун демиме.
Шамыянын шайлатып.
Кош өгүзүн айдатып, Ала жерди аңтарып.
Кара жерди каңтарып,
Буурусунду буктуруп,
Буурул жерге суктуруп, Жердин бетин ачалы, Жерге үрөн чачалы.
Жараткандын аты үчүн,
Арыйна-чачыйнанын акы үчүн, Үрөн чачтым жериме, Дем кошулсун демиме. Оомийин!
* * *
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат,
Алас болсун аштыгың, Уста пири Дөөтү, Амачынды оңдосун.
Уйдун пири Ай мүйүз, Амач тартсаң күч кирсин. Күн күркүрөп, жамгыр жаап, Күлдүр ата колдосун.
Күү атасы Камбаркан, Ай-талаага күү чачсын. Өнүп чыксын үрөнүң, Өсүп чыксын жүгөрүң. Суу атасы Сулайман, Суусун берсин сиңимдүү. Жердин пири Жер эне, Кабыл алсын дилиңди. Жел атасы Жел Кайып,
Булут айдап буулуксун.
Дыйкан терин чубуртуп,
Ободон жамгыр куюлтуп, Күндүн пири Күн Теңир,
Жаан менен бирге нур берсин. Жарык чачып жел жүрсүн.
Чычкан пири Чие ата,
Ийин казып, жер көөлөп, Жамаатына жар кылсын. Жерге түшкөн үрөнүң,
Жети күндө жарылсын. Майсалары ачылсын.
Умай эне ак чачсын, Үркөр ата тогошуп, Алас болсун эгиниң. Көкө Теңир жар болсун, Кызыр ата даарысын.
Күч өгүзүң кош болсун, Күткөн көктөм кош болсун.
Оомийин!
Орок ыры. Эгин оруу эмгегин коштоп, оруу түйшүгүн жеңилдетүү максатында өндүргүч курал болгон. Орокко кайрылып мындай ыр чыккан.
Ор, орогум, оргунуң, Ормочудан болгунуң.
Оңой түгөйт ормобуз, Ортодон туура ойгонуң.
Чал орогум, чалгының,
Солду таза алгының,
Арпа, буудай таштабай, Боого таза салгының.
Чал орогум, чалының
Чалдан артта калбайын, Чабал болуп орокко, Жалкоо атка калбайын. Ор, орогум, оргунуң, Ортодо жолдо калбайын. Оро албады дегизип, Осол атты албайын. Ор, орогум, оргунуң, Ормочудан озгунуң!
«Оп, майда» айтымындагы бата. Кырман алуу, кызыл сузуу кыргыздарда улуу иш болуп, түшүм алуу, түшүмдү чогултуу, аңыздык түшүнүк боюнча чачкан ырыскыны чогултуп алуу болуп эсептелет. Ушул улуу иште эки түрдүү жагдайда ак бата берилип, мол түшүмгө ак тилек айтылат. Анын бирөө кырман тепсетүү, темин айдоо деп аталган «дан айруу» жумушунда, илгерки «Оп, майда» деген сөз айкашындагы «оп» сөзү кырман тепсетип жаткан унаалардын ортоңкусу «кырман тепсете турган өгүздөрдүн ортосундагы өгүз «оп» деп айтат дейт. Ал эми «майда» сөзү болсо эгинди майдалап, дандарды бөлүү деген сөз. «Оп, майда» айтымы да кыргыздардын тилсиз жаныбарлар менен адамча сүйлөшүп, эмгек ыргагын күүлөп, жанга сеп алдыруу түшүнүгү боюнча чыккан байыркы көркөм сөз өнөрүбүздүн бирөө болуп, эмгек айтымдары деген адабий текте өзүнчө келе жатат. Ал эми ушул адабий текте ак бата, ак тилек сөздөр анын мазмунун байытып, сөз кубатын ашырып келген. Бул жыйнакка «Оп, майданын» ичиндеги батанын өрнөгү киргизилди.
Иш, эмгек жөнүндөгү баталардын дагы бир чоң айрыгын малчылык ишине берилген баталар түзөт. Малчылык кыргыздардын ата кесиби, малды кыргыздар өздөрүнө киндиктеш катары «мал киндиктүү» элбиз дейт. Аңыздык түшүнүгү боюнча мал менен ээн-эркин сүйлөшүп, мал жаныбары сүйлөй албаса да «угат, билет» деген бек ишенимде мамиле жасаган. Малчылыктагы эмгекти жеңилдетүүчү айтымдар ыргактуу көркөм чыгарылган. Аңыздарында, жомокторунда кереметтүү аттарга, кайберендерге адамча сүйлөй берген. Мал телүү айтымында «кой телүү» так эле кой менен сүйлөшүп, ага зор акыл айтып жаткандай айтылган.
Майда, майда, оп-майда, Майдаласын атты айда. Саманы аттарга пайда, Кызылы бизге пайда. Кызыл толгон кырманды, Сузалы эми капкайда! Бекер жатсаң жан багып, Таба албайсың эч пайда.
Майда, майда, оп-майда.
Орой, орой басканың.
Ороо толсун оп-майда, Кырча, кырча басканың.
Кырман толсун оп-майда,
Орой, орой, оп-майда,
Ортолосун оп-майда,
Улоолорду кошпосок,
Кайда болсун бул майда,
Орой, орой, оп-майда
Ойдогудай майдала,
Ылдам, ылдам баспасак, Оп-майдадан дан кайда. Кар алдыңда калбасын, Катыраң басып майдала. Кар алдында калганда, Калкыбызга дан кайда?
Куруй, куруй, куп майда,
Кургак болсун оп-майда, Кызыл данды сузалы,
Коңшуларым капкайда? Олуялар колдосун.
Орой,орой оп-майда,
Оор-жеңил басса да,
Ороо толсун оп-майда,
Кырча-кырча басканда,
Кырман толсун оп-майда,
Кызыр колдоп сыйласа,
Кырк таар толсун оп-майда,
Оп, оп-майда, оп майда,
Тилек кылдык кудайга,
Мөндүр урду арпаны,
Береке бергин буудайга, Арып-ачтым бул жайда, Баба-дыйкан бар болсо,
Бир карашар ал-жайга. Соп, соп, майда, соп майда, Сузалы, бол, капкайда? Суусун бергин соопко,
Суусап кеттим бул жайда. майда, майда, мапмайда, Бекер жатсаң аш кайда? Кызыл толгон кырманды, Майдаласын атты айда.
Оп-майда, оп-майда,
Майдалай бассаң жаныңа пайда.
Орой, орой басканың,
Ороо толсун, оп-майда,
Орокчунун балдары,
Нанга тойсун, оп-майда,
Кырча, кырча басканың,
Кырман толсун, оп-майда,
Кырманчынын балдары,
Нанга тойсун оп-майда, Майда, майда, мапмайда, Кулактарың калкандай майда.
Туяктарың талкандай майда.
Майдаласаң жаныңа пайда. Оп-майда, оп-майда!
КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК ЭМГЕК ЫРЛАРЫ
Кыргыз элинде кол өнөрчүлүк кесиби эртеде (байыртадан) башталган. Болуп да, малдын жүнү терисинен пайдаланып, кол өнөр чарбасын өнүктүрүү эң эле көрүнүктүү болгон. Ошол кол өнөрчүлүк түйшүгүнө жараша кол өнөрдүн түрдүү жактарындагы ырлар жаралып, ал эмгектерге коштолуп айтылып келген. Төмөндө бир нече түр менен таанышып көрөлү.
Кийиз жасоо ыры. Кол өнөрчүлүк эмгегинде кийиз жасоо түйшүгү бир кыйла оор жумуштар катарында саналат. Кийиз жасоодо бир кыйла кишилер чогулушкан. Сорун курулат. Шакаба тамашалуу өтөт. Ошону менен катар ал эмгекти коштогон ыр айтылат. Кийиз жасоо ыры эл ооз адабиятында бир кыйла көп түрдө айтылат. Төмөндө нуска катары бири көрсөтүлөт.
Ала кийиз жууркан,
Ала койдун жүнүнөн,
Туштук кийиз жууркан,
Бул да койдун жүнүнөн.
Кара кийиз, шырдак,
Майда сабап чабакта,
Үзүлүңкү болбосун,
Үзүлүңкү үй жапса,
Жамгыр жааса тамчы агат, Айыл апада аялдар, Ишиңерден кеп табат.
Шырдамалга ич болбойт. Бул акылык иш кылса, Акыры түбү оң болбойт.
Кырганын кымтый баскыла,
Бучкак чыгып калбасын, Салпынчагың эмне деп, Камчы менен салбасын.
Бышык кирет кийизиңер,
Кайнак суудан куйгула,
Балпаңдатпай келиндер, Текши көңүл бургула.
(«Ак чий эл ырларынан» алынды)
Өрмөк ыры. Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө өрмөк согуу, таар, кажары, боо согуу эмгеги негизги жумуштар катарында саналат. Өрмөк согуу баштаар алдында, төмөнкү нускада ыр айтып, ал эмгектерине коштоп, көркөмдүк менен көөнү көтөрүлүп ишин улантат.
Менин атым алба,
Эртең, бүрсүгүндөн калба!
Көчүгүмө таш байла,
Билегиме жел байла, Көзү жаман көргүчө бүт, Ичи жаман ичкиче бүт.
Ыштаны жаман сийгиче бүт!
Кийим бычкандагы ыр
Кептүү болгун кийимим, Менин ушул тилегим.
Кийгенимде сүйгөндөй,
Ким сынаса киймимди,
Ичи жаман күйгөндөй,
Кептүү болгон экен деп, Жүрөгүндө түйгөндөй.
«Тон чык» ыры. Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө терини өздөштүрүү, ийге келтирүү эң байыркы өнөрдөн болуп эсептелет. Ошол өнөрдү иштөө эмгегинин өзүнчө ыры чыккан. Ал ыр «Тон чык» деп аталат. Анын түрдүү айтылыштары болгон. Үлгү катары кыска түрүнөн бири көрсөтүлөт.
Алты койдун терисин, Араңдан зорго ашаттым,
Эки койдун терисин,
Эптеп ийге келтирдим, Тегерете чойгула, Теринин чыгы кургасын.
Айландыра чойгула,
Абдан чыгы кургасын.
Чыгы жакшы кургабай, Калдырак болуп калбасын.
Тон чык, тон чык.
Эки жеңи төп чык. Тон чык, тон чык, Туура жака, бой чык! Өөн, бучкагы кем чык, Кап чыкпай, түз чык!
Калдыр-шалдыр этпестен,
Жабыша көр жонума, Ийлебесем маа жазык, Калдырасаң саа жазык!
Тон чык, тон чык!
ТУРМУШ ТИРИЧИЛИКТЕГИ БАТА
Бата тилегенде
Оомийин деп көтөргүн билегиңди,
Он манжа, сегиз мүчө сын сөөгүңү,
Он сегиз миң ааламдын падышасындай,
Кудай кабыл кылсын тилегиңди. Каз каркылдап кечкисиз көл бол, Куш куркулдап өткүсүз бел бол.
Тукумуң журтка таанылсын, Илимиң башка толуп, Илебиң ташты жарсын.
Ак батаң так келип, Жайыл дасторконго жансын.
Казаның кайнап турсун,
Башыңан бакыт кетпесин, Оомийин, аллоо акпар!
- * *
Бата башы дың-дың, Малды берсин миң-миң.
Жылкы берсе ала бер,
От жакалай бата бер, Адал жүргүн, арам болбо, Сак болгун, бакыл болбо. Бузук ишти биле туруп, Түшпөгүлө жаман жолго. Оомийин!
- * *
Байгамбар батасын берсин.
Бай дөөлөтүн берсин.
Теңир ата жан берсин. Умай эне бак берсин.
Казаныңа аш берсин,
Периштелүү баш берсин.
Берекелүү аш берсин. Оомийин!
- * *
Олуя колдо,
Кызыр жолдо.
Пайгамбарым батасын берсин.
Өтпөс өмүр берсин.
Шыбагалуу баш берсин, Берекелүү аш берсин.
Маңдайыңа жаркыраган бак берсин, Уучуң узарсын,
Жаның жайылсын.
Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Ырыскың журттан ашсын, Илебиң таш жарсын.
Эч нерседен кем болбо. Оомийин!
- * *
Башыңан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин.
Балдарың чечен болсун, Бир тууганың эсен болсун. Кыдыр сага даарысын, Кылымга атың таанылсын. Тилиң кызыл болсун, Тилегиң узун болсун. Оомийин!
- * *
Атам Манас, Айылың алаш.
Балдарың акын чыксын, Ар санаага жакын чыксын. Кыздарың сулуу чыксын, Кыр-кырынан улуу чыксын. Оомийин!
- * *
Тилиң кызыл болсун, Тилегиң узун болсун.
Бак карасын башыңа, Кыдыр даарысын ашыңа. Куру сайга суу аксын, Элиңе ишиң жаксын.
Берекет берсин ашыңа,
Кызыр келсин кашыңа. Узун өмүр жаш берсин, Бала-чака баарыңа. Шыбагалуу баш берсин, Берекелүү аш берсин. Маңдайыңа баркыраган баш берсин, Уучуң узарсын.
Жаның жайылсын,
Өмүрүң узун болсун.
Өрүшүң жайык болсун, Ырысың журттан ашсын. Көөнүң толуп жатсын, Эч нерседен кем болбо. Оомийин!
* * *
Ак барчын, кызыл барчын, Тилиң кызыл болсун.
Тилегиң узун болсун, Бак карасын башыңа, Кызыр даарысын ашыңа.
Куру сайга суу аксын, Кудага ишиң жаксын. Улуксатың, супатың, Кипирада акың.
Береке берсин ашыңа, Кызыр келсин ашыңа, Кыдыр келсин кашыңа. Узун өмүр жаш берсин, Бала-чака башыңа. Оомийин!
- * *
Гүл алсаң күмүш болсун, Казынаңа алтын толсун. Казаның кайнап турсун,
Балдарың ойноп турсун.
Башыңан сыймык кетпесин,
Кас санаган душманың,
Мурадына жетпесин. Аш бергенге баш берсин, Узун өмүр жаш берсин. Оомийин!
- * *
Оомат келип, кезек айлансын, Мамыңа эки күлүк ат байлансын. Жергеге бакыт кезеги келип, Байчечекей гүл ачып жайнасын.
Жер багыңа оомат кезеги жетип,
Багыңдын башында булбул куштар сайрасын.
- * *
Өрүшүңдө мал жайнасын, Казаныңда май кайнасын. Үйүңө бакыт кошо конуп, Пайгамбарым төрүңдө сайрандасын. Оомийин, алло акпар!
- * *
Эчкиң тууса улагы эгиз болсун, Эки жылда бир эчки сегиз болсун.
Күзүндөсү көтөрүп сойгонуңда, Ичинен чара-чара май чыгып, Семиз болсун.
Оомийин алло акпар!
- * *
Ээ, байбиче (келинчек) көргөн балаң эркек болсун.
Энекелеп жүгүрүп элпек болсун. Эр жеткенде эл аралап журт башкарып, Башыңа бак-таалайдын кушу консун. Оомийин алло акпар!
- * *
Кудай берген дөөлөтүң, Кубаласа кетпесин.
Теңир берген дөөлөтүң,
Тебелесе кетпесин. Кас санаган душманың, Келер күзгө жетпесин.
Серкенин майын ашагын, Сексенден ашуун жашагын. Токтунун этин ашагын, Токсондон ашуун жашагын. Оомийин!
- * *
Телегейиң тегиз болсун, Орушуң сегиз болсун.
Тубар малың эгиз болсун, Сойгон коюң семиз болсун. Айдан, жылдан аман чыккын, Элге-журтка жаккын. Дасторкон менен пейилиңден Шыбага, ырыс тапкын. Оомийин!
- * *
Атанын батасы:
Бирлик берсин башыңа, Береке берсин ашыңа.
Жакшылык жар болуп, Жаш кошулсун жашыңа.
Оңго басса талабың, Көөп кетип ташыба.
Тайып кетсе таманың, Чүнчүп бекер жашыба. Арам ойлуу арсызга, Боло көрбө кошуна. Алды-артыңды ойлобой, Иш кылбагын ашыга. Жолдош болгун эр барктаар, Жакшы адамдын кашына.
Ошондо жаның жай табып, Аш кошулсун ашыңа, Жаш кошулсун жашыңа.
Оомийин!
- * *
Башыңан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин.
Балдарың чечен болсун, Баары тууганың эсен болсун. Корооң кыктуу болсун, Коңшуң ыктуу болсун. Кочкоруң жүндүү болсун, Айгырың үндүү болсун. Өгүзүң күчтүү болсун, Инегиң сүттүү болсун. Куру сайга суу аксын, Кылган ишиң элге жаксын.
Кылымга атың таанылсын, Кызыр сага даарысын, Тилиң кызыл болсун. Тилегиң узун болсун, Эч нерседен кем болбо. Оомийин!
- * *
Мингениң тулпар болсун, Салганың шумкар болсун. Көңүлүң жамандык көрбөсүн, Малың экиден төлдөсүн. Жайлооң жашыл болсун, Алганың асыл болсун.
Салганың куш болсун,
Төрүңө кут консун, Өмүрүңдө жамандык көрбөй, Көңүлүң толкусун көлдөй. Жараткан узак берсин өмүрүңдү, Болбосун жашооң бүлүндү. Алганың ак уул, кызыл кыз төрөп, Тебелеп турсун төрүңдү. Суу кайнаган казаныңда май кайнасын, Төрт периште төбөңдө тайраңдасын. Бешенең эгиз болсун,
Ырысың тегиз болсун.
Маңдайың жарык болсун, Эшигиңден май аксын,
Чайнегиңден чай аксын. Өмүрүң суудай болсун.
* * *
Бактылуу бол, багың ачылсын, Бар күнүң шаттыкка чачылсын. Төрүңөн жакшылык кетпесин, Босогодо жамандык жетпесин. Кызың мончоктуу болсун, Уулуң он чакты болсун. Башыңарга бак консун, Жараткан ээм жак болсун. Ынтымак шерик болсун, Чамгарагың бийик болсун. Насип ээси ийип келсин, Берекесин ийип берсин.
Дасторконуңар кең болсун, Кызыкчылыгыңар тең болсун. Айлыңар мааракелүү болсун, Өмүрүңөр берекелүү болсун. Мал-башыңар ашсын, Дөөлөтүңөр ташсын. Оомийин!
Коноктун дасторконго берген батасы:
Абалы Кудай оңдосун,
Арбактарың колдосун. Бакыт, дөөлөт, мал, башың, Башыңа кетпес орносун. Төрт тарабың шай болсун, Төрт кыбылаң бар болсун.
Элиңе кут, ырыс орносун.
Жериңе тынчтык орносун.
Өсөк, айыңдын чырмагы болбо, Озбурлардын курманы болбо.
Алыс жолдордо,
Жыш ормондо,
Баткалда, муздарда,
Чаткалда, ызгаарда,
Жазыксыз түшөр жазадан, Капыстан келер карадан,
Ата-баба арбагы сактасын.
Акылдуу бол, ардуу бол.
Бактылуу бол, малдуу бол. Катарыңдан алдуу бол.
Курдашыңа кубаныч бол, Сырдашыңа сынагыч бол. Ыйлаганга жубаныч бол, Турмушуңа тунук бол. Таттуулукка улук бол, Ыкыласка ыйык бол. Ата-эне алдында аласа бол, Ар алдында бийик бол. Оомийин!
Конок алган үйдүн дасторконуна бата:
Шыбагалуу баш берсин, Берекелүү аш берсин.
Маңдайыңа баркыраган бак берсин,
Уучуң узарсын,
Жаның жашарсын,
Өмүрүң узун болсун.
Өрүшүң жайык болсун,
Ырысың журттан ашсын, Көңүлүң толкуп ташсын. Эч нерседен кем болбо.
Башыңдан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарың чечен болсун.
Бир тууганың эсен болсун. Сага жамандык издеген, Ара жолдо кесел болсун. Кыдыр ата даарысын, Кылымга атың таанылсын. Тилиң кызыл болсун, Тилегиң узун болсун.
Оомийин!
Баатырга бата:
Билектүүдөн күчтүү бол, Жалтырактан түстүү бол. Аталуудан улуу бол, Акылдуудан кундуу бол. Энелүүдөн эрке бол, Эл алдында серке бол. Кызыл тилден таңдайлуу бол, Ырыскыдан маңдайлуу бол. Бак карасын,
Кыдыр даарысын.
Кудай бак берсин, ырыс берсин.
Жүз жыл жашап, Алтын аяктан суу ич. Оомийин!
- * *
Балбанга бата:
Байтеректен бүрдүү бол, Байгамбардан сүрдүү бол.
Чапса кылыч өтпөгөн, Сайса найза жетпеген,
Этиң болсун темирдей, Күчүң болсун сеңирдей.
Кырк бериште колдосун, Кыдыр болсун жолдошуң. Оомийин!
- * *
Мөөрөйгө чыккан баатырга бата:
Шердей үндүү бол,
Жолборстой сүрдүү бол, Ажыдаардай заардуу бол, Карышкырдай каардуу бол.
Буудайдай бутакта, Талдай шакта,
Карагайдай көтөр.
- * *
Жолборстун жүрөгүн берсин, Жорткон эрдин билегин берсин. Кудаанын кулагына чалынып, Ушул айткан тилегим келсин.
Байдын дөөлөтүн берсин, Байлыгын элге жумшап, Кызыгын урпагы көрсүн.
Дубасы тийсин бакшынын, Дабасы тийсин жакшынын. Жаттын жалаасынан сакта, Жакындын табасынан сакта. Керооз катындын өсөгүнөн сакта, Капыс келер оорудан сакта. Карыядан каргыш алба, Каракчыдан алкыш алба.
Бооруң бүтүн болсун,
Соолугуң кутуң болсун,
Мөөрөйүң үстөм болсун, Өсүп-өнүп толуңуз, Ылайым өкүнбөстөй болуңуз. Оомийин!
- * *Акынга бата:
Балдарыңар Жээренчедей чечен болсун, Токтогулдай ырчы болсун,
Толубайдай сынчы болсун.
Буркурап чыккан булутту, Буруп алган жайчы болсун. Бурама темир, сом балта, Буралбай соккон уста болсун. Оомийин!
- * *
Эл башчысына берилүүчү баталар:
Ээ, Кудайым, бала берсин, Мал менен башты жана берсин.
Сага кастык кылганды,
Таман астыңа сала берсин.
Аллага жагып азандуу бол,
Агайынга жагып карандуу бол, Калкыңа жагып адил бол.
Суудай таза,
Жердей балбан,
Аймагың жашыл, сугат болсун, Сөзүң элиңе кубат болсун, Өмүрүң, узак болсун. Оомийин!
* * *
Талпынган талап берсин, Чалгынга канат берсин. Баяндуу бакыт берсин, Карыбас убакыт берсин. Акылчы бол, даана бол, Калкыңа камкор маана бол.
Жакшыга жанашып жүр,
Жардыга карашып жүр, Жамандан адашып жүр, Жоого тың, марашып жүр. Чалкыгандын чамасын бил, Ак-каранын арасын бил. Кубанычтын турагы бол, Улан иштин булагы бол.
Жакшылардын ынагы бол.
Мээримдүүнүн чырагы бол.
Сабырлуунун сыңары бол.
Бек үлгүнүн чынары бол.
Тууралыктын тумары бол.
Көпчүлүктүн ынаары бол. Оомийин!
- * *
А Кудайым, бере көр, Элиме көлөкөң бер, Жериме берекең бер. Баяндуу адамдык бер, Ашка адалдык бер.
Ырыскың ичтен, Аброюң тыштан болсун. Өмүрүң узак,
Эмгегиң өнүмдүү болсун. Эмине тилесең кабыл болуп, Кудай тилегиңди берсин. Оомийин!
- * *
Күлүк минип күлдөп өт, Күлдү журтка сүйлөп өт. Көк жорго минип жолдо өт, Жалпы журтту бийлеп өт. Өзүң журттун туягы, Болгун элдин чырагы.
Нуска сөзүң эп болсун, Санжыра сөзүң сан болсун. Калың кыргыз элиңе Кадырың артып бак консун. Оомийин!
- * *
Жакшы адамдарды,
Теңирим жаман көздөн, Жалган сөздөн сактасын.
Эл намысын коргогон Эр азаматтардын Башынан сыймык кетпесин.
Карыңар дөөлөттүү,
Балдар сөөлөттүү, Келиндер келбеттүү, Жигиттер албеттүү болсун.
Барчылык болуп,
Токчулук келип,
Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап, Очок жанып, Ордо толсун. Эл тынч, журт аман болсун, Ата-баба арбагы колдосун.
Оомийин!
* * *
Жүзүң нурлуу болсун,
Жүрөгүң сырлуу болсун, Тилиң ырлуу болсун.
Жигиттин сырттаны атанып,
Өнөрүң сегиз кырлуу болсун. Бир үйдүн баласы болбо, Миң үйдүн салаасы бол.
Бир элдин атасы болбо, Миң элдин даанасы бол. Бир тонго жака болбо,
Көп колдун агасы бол. Акты ак деп баала, Караны кара деп сана.
Өзөгүң талса, өзөн боюн жакала, Башыңа иш түшсө, көпчүлүккө сагала. Белге катуу кемер бол, Өзүңө өзүң кемел бол.
Досуңа адил бол,
Калкыңа адал бол, Жооңо катаал бол. Оомийин!
* * *
Бата бер десеңиз бизге, Бата бердик сизге. Качан да болсо бизди, Той-тамашадан изде.
Кудайым кубат берип сизге,
Урундурбай кыш-күзгө, Учуратпай суук көзгө,
Жашыңызды жеткирсин жүзгө.
Кудайым көктөн берсин, Көктөн берсе көптөн берсин. Кудайым жаздай берсин, Жаздай берсе жазбай берсин. Кудайым күздөй берсин, Күздөй берсе үзбөй берсин.
Кудайым кыштай берсин,
Кыштай берсе кыспай берсин. Кудайым көңүлүңдү жаш кылсын, Жаш кылса жаздай наз кылсын. Кастык ойлогон адам болсо,
Кадемин катырып шаштырсын.
Көңүлүн анын пас кылсын,
Кастарын тиккен жооңду,
Кара таш менен бастырсын, Аброюңду анан ачтырсын.
Аскар тоодой бийиктетип, Берекеңди көлдөй таштырсын. Оомийин!
* * *
Дасторконго бата:
Дасторконуңар бай болсун,
Казаның, очогуң май болсун, Төрт тарабың шай болсун.
Көңүлүң толуп жай болсун.
Уулуң конуп уяга,
Кызың учуп кыяга,
Келиниң бүбү атанып, Уулуң болсун бий, ага.
Бергенден Теңирим танбасын, Көбөйө берсин мал башың, Өсө берсин жан башың.
Тилегиң өргө чамдасын, Досуңдан көңүлүң калбасын. Жолуң болуп жорткондо, Жолуңду Кызыр жалгасын. Дасторконуңдан даам кетпесин, Өмүрүңдөн маани кетпесин. Урук-урпак аман болуп, Көңүлүңө санаа жетпесин.
Оомийин!
* * *
Абалы Теңир колдосун, Ак жолуна жолдосун.
Сыртыңдан кайбат айткан жан, Акыры жүрүп оңбосун. Дөөлөтүң баштан кетпесин, Душманың кууп жетпесин.
Кайырлуу кылып дөөлөт берсин,
Душманың түтөгөн сөөлөт берсин, Өмүрлүү кылып перзент берсин. «Атам» деп жадыңда жүргөн жанды, Аркы дүйнөдө Теңирим колдосун. «Энем» деп эсиңде түйгөн жанды, Эки дүйнөдө Эгем колдосун. Оомийин!
* * *
Калкыңа кадырың өтсүн, Касың алдыңа чөксүн. Кыдыр ачып жолуңду Кызылдай ырыс төксүн. Дасмалың набат болсун, Баскан изиң абат болсун.
Айдыңың кеңисин, Арбысын ырыс жемишиң.
Аман болуп балдарың, Жаныңда жүрсүн жалжалың.
Таттуулукта өмүр сүр, Тартпагын турмуш зардабын. Болоор жерин толо айттым, Теңирим берсин калганын. Оомийин!
- * *
Казынасы кең кудай Түбүн берсин. Ар таңда ырыскы чачкан Албырган күнүн берсин. Ар түндө кут куюлткан Колбооргон түнүн берсин. Күндөн Түнгө оошкон
Ооматтын жугун берсин.
Түндөн Күнгө куушкан Дөөлөттүн түрүн берсин, Эртең эмес бүгүн берсин! Оомийин!
- * *
Медийнада Мухаммед, Түркүстанда Кожахмет.
Экөөвүң бирдей болгойсуң, Мынабу үммөтүнө жар медет. Бул дүнүйөдө жыйганды айт, Акыретте ыйманды айт.
Эки дүнүйө абыроюн берсин. Баани өмүрдө малга жарытсын, Алганың менен тең карытсын. Төрт түлүгүң көбөйө берсин.
Журтуңа арналган ниетиң, Ата-бабаңа тие берсин, Ата арбагы ие берсин! Оомийин!
- * *
Өмүрүң бек болсун.
Акылың көп болсун.
Төгөрөгүң төп болсун. Сөздөрүң эп болсун.
Душманың жетпесин. Дөөлөтүң кетпесин. Кайгыга чөкпөсүн, Көңүлүң көктөсүн.
Кыдыр Алеки салам жолдосун!
- * *
Казынасы кең кудай түбүн берсин!
Ар таңда ырыс чачкан албырган күн берсин!
Ар түндө кут куюлткан көлбүргөн түнүн берсин!
Күндөн күнгө оошкон ооматтын жүгүн берсин!
Түндөн күнгө куушкан дөөлөттүн түрүн берсин!
Эртең эмес, бүтүн берсин!
- * *
Бата бер десеңиз бизге,
Бата бердик сизге Качан да болсо бизди, Той-тамашадан изде.
Кудайым кубат берип сизге,
Урундурбай кыш, күзгө, Учуратпай суук көзгө,
Жашыңызды жеткирсин жүзгө. Кудайым көктөн берсин, Көктөн берсе көптөн берсин. Кудайым жаздай берсин, Жаздай берсе жазбай берсин. Кудайым күздөй берсин, Күздөй берсе үзбөй берсин.
Кудайым кыштай берсин, Кыштай берсе кыспай берсин. Кудайым көңүлүңдү жаш кылсын, Жаш кылса, жаздай наз кылсын.
Кастык ойлогон адам болсо,
Кадемиң катырып шаштырсын, Көңүлүң анын пас кылсын. Кастарың тиккен жоонду, Кара таш менен бастырсын.
Абыроюңду андан аштырсын, Аскар тоодой бийиктетип, Берекеңди көлдөй таштырсын. Оомийин!
* * *
Ашың, ашың, ашыңа, Бакыт консун башыңа.
Таң мезгили болгондо,
Бөдөнөдөй өйдөлөп, Кыргоолдой жөргөлөп,
Кызыр келсин кашыңа.
Ден соолугуң зор болсун. Кайда барсаң алдыңда,
Жаркыраган жол болсун.
Умтулганың учурап, Убадалуу кол болсун.
Басып кеткен жерине, Базарлуу калаа орносун. Теңирим ишин оңдосун, Тегерете колдосун! Оомийин!
* * *
Кумга коюң жайылсын, Курутка колуң малынсын.
Кыйшая бастырган жериң
Кызыгың жолдон кабылсын, Кымызың оңдон табылсын. Салбурун чыксаң салганың Калча болсун. Айдасаң малың күтүрөп Санча болсун. Кылымга жашың кыярбай Арча болсун.
«Болсом, толсом» дегендер биригип Бир сенче болсун. Оомийин!
* * *
Сурасаң бата берейин, Бата берсем не дейин. Көңүлүң ийип, колуң жай, Көлкүтүп мээрим төгөйүн. Көк жайлоону жайлагын, Көбүртүп кымыз байлагын. Көнөктөн ашып айраның, Көнөчөк толсун каймагың. Багландын бал куйрук Балпаң-балпаң чайнагын.
Балбаалатып агызып, Ууртуңдан тамызып, Мурут, сакалың майлагын.
Сабааң толсун кымызга,
Чараң толсун уузга. Атың кетсин алынып Алыс менен жуукка.
«Ай, балилеп» эриксиз
Ак пейлиңде чалкысын. Душманың да, тууш да. Басып сүйгөн неберең, Батасы тийип көп элдин Баш кошсун айдай кызга. Оомийин!
* * *
Ашка толсун табагыңар,
Ачык болсун кабагыңар. Жаштарыңар ойлуу болсун, Жардыңар койлуу болсун.
Балдарың убайлуу болсун, Кыздарың чырайлуу болсун. Ишиңер так болсун, Нээтиңер ак болсун. Байгамбар көлөкөсүн салып, Башыңарга бак консун.
Телегейиң шай болсун, Теңирим өзү жар болсун. Оомийин!
* * *
Чарыяр болсун достошуң, Мухаммед болсун коштоочуң. Кыдыр болсун жолдошуң, Улукман болсун курдашың.
Мүдүрүлгөн жериңде, Жети олуя, жети пир, Керемети менен колдосун.
Көңүлүңө алган талабыңды, Бир жасаган Кудайым, Кудурети менен оңдосун.
Улууларды сыйласаң,
Боло берсин болбосуң,
Толо берсин толбосуң.
Таңда макшаар күнүңдө, Бурак болсун мингениң,
Жибек болсун кийгениң,
Үрлөр болсун сүйгөнүң,
Ошол убакта билээрсиң,
Бул күндө берген ашыңдын, Батасынын тийгенин.
Малыңдын көр пайдасын, Башыңдан багың тайбасын. Оомийин!
* * *
Жабылып ушул үйгө бата берели,
Теңирим сага бак берсин,
Түбөлүктүү баш берсин, Талбаган канат берсин, Жанбаган бакыт берсин. Кетпеген ырыс берсин, Улукмандын жашын берсин.
Үйүңө береке берсин,
Келинге бала берсин, Баш артынан баш келсин. Кызыңа бак берсин, Жетелеп жээн апкелсин.
Тилегениң азыр кылсын, Үйүңө толо перзент келсин.
Азан-казан түшүп чуулдап Айылыңды базар кылсын, Журт батасын кабыл кылсын. Оомийин!
* * *
Жакшылык, тойго жайылган,
Дасторконуң мол болсун, Чыкданың майга толсун, Абыроюң зор болсун, Кабагың жарык болсун.
Келиниң кичи пейил болсун, Балаң абийирдүү болсун. Короого малың толсун, Үйүңө бала толсун. Чубурган урпактарың, Тегиз аман болсун.
Бейкутчулук заман болсун,
Бул дүнүйөдө жыйганың болсун, Ал дүнүйөдө ыйманың болсун.
Айткан батам кабыл болсун, Бабалардын арбагы колдосун! Оомийин!
* * *
Сөзүң аталуу, Дасторконуң баталуу, Атың жотолуу болсун.
Бээң кулундуу, Козуң тулумдуу, Төөң ботолуу болсун. Коюң эгизден, Эчкиң сегизден туусун. Келиниң аягы менен, Койчуң таягы менен жаксын. Көңүлүң дилдүү, Башың сыйлуу болсун.
Кызың ыйбаалуу,
Келиниң ыймандуу, Уулуң уяттуу болсун. Өзүң сары тиштүү карыя, Дөөлөтүң дарыя болсун. Оомийин!
* * *
Береке берсин ашыңа, Бак келип консун башыңа. Балын татып өмүрдүн, Бабаңдын жет жашына.
Кубаныч менен досторуң,
Жыйнала берсин кашыңа.
Коюң козулап эгиздеп, Эчкиң тууп сегиздеп, Майдан колуң кетпесин. Согумуң болсун семизден, Айтып жүрсүн коногуң:
«Ашын-ай – деп,– жегизген». Чалкып жатсын дөөлөтүң, Ташыган сел дениздей.
Башыңа Алла бак берсин, Адалын берсин, ак берсин. Атагың кетип Алашка, Астына алтын так берсин. Оомийин!
- * *
Өмүрүң узак болуп,
Оозуңда отуз эки тиш калбасын,
Башыңа бакыт конуп, Кемшеңдеп жеген казыдан Сакал мурутуң майлансын. Небере-чөбөрө жаныңда, Базар түшүп айлансын. Сенден тараган урпактын, Эч кайгысы болбосун. Ушу айтканым кабыл болуп, Арбактарың колдосун. Оомийин!
- * *
Ээ, Кудайым, бала берсин, Мал менен башты жана берсин.
Сага кастык кылганды
Таман астына сала берсин, Так төбөдөн кага берсин!
Ээ, Жараткан, ушул чамгарак алды Аллага жагып азандуу болсун,
Агайынга жагып казандуу болсун.
Калкыңа жагып адил болсун. Суудай таза,
Жердей балбан,
Аймагы жашыл сугат болсун. Сөзү элине кубат болсун, Өмүрү узак болсун. Оомийин!
* * *
Желеңдин ал четинен бул четине, Ат чаптырса жетпесин. Теңирим берген насибин Тепкилесе да кетпесин. Кудайым берген ырыскың Кубаласа да кетпесин. Көнөгүң жыйылбасын, Сабааң кыйылбасын.
Сааганың бээ болсун, Дасторконуң акка толсун. Кечке келип чуулдаткан,
Мүйүздөрүн зуулдаткан,
Карсылдашып сүзүшүп,
Кара зоону жаңырткан, Козучактын атасы Кочкор бассын үйүңдү.
Бакайлары шыртылдап,
Мүйүздөрү жылтылдап,
Уй арасын бок кылган,
Ичсе айранга ток кылган, Музоочуктун атасы Бука бассын үйүңдү.
Таштан ташка секирген,
Камалып калса бакырган,
Капкайда элди чакырган,
Куулугу салаңдап
Үзүлчүдөй байкалган,
Туягында чайкалган, Улаккандын атасы, Теке бассын үйүңдү.
Маң-маң, маң,-маң, маң баскан,
Чуудаларын чаң баскан, Өркөчтөрүн ком баскан, Боточуктун атасы,
Буура бассын үйүңдү.
Шыңгыр-шыңгыр кишенешкен.
Чыңырып, чыңырып издешкен,
Чычып богун искешкен Кулунчактын атасы Айгыр бассын үйүңдү. Оомийин!
* * *
Уулдарың бөрк камчылуу, Кыздарың сөйкөлүү, Аялың ак тасмалдуу болсун зэр. Ишиң илгери жүрүп, Итиң чөп жесин. Жүргөнүң жайлоонун төрү болсун, Ичкениң кымыздын гүлү болсун.
Алачыктай калдайып,
Оолжуп шашпай бастырган,
Обол кудай каткырган,
Уулуң барып ат алган, Тер жакалай отурган, Конок бассын үйүңдү.
Кызыгы кумар тараткан,
Кырмычыгын талашкан, От жакалай чыт курсак, Бала бассын үйүңдү.
Желеге басса керилген,
Салтанаты көрүнгөн,
Сан сөөлөтү төгүлгөн, Келин бассын үйүңдү.
Эртели-кеч сайрандап,
Маңдайы ачык жайдаңдап,
Кымыз уулап ичишкен, Кыйындыкта түтүшкөн, Элиң бассын үйүңдү.
Оомийин!
* * *
Шыбагалуу баш берсин, Берекелүү аш берсин,
Маңдайыңа баркыраган бак берсин. Уучуң узарсын,
Жаның жашарсын.
Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун.
Ырысың журттан ашсын,
Көңүлүң толкуп ташсын. Эч нерседен кем болбо.
Башыңан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин.
Балдарың чечен болсун, Баары журтуң эсен болсун. Сага жамандык издеген Ара жолдо кесел болсун.
Кыдыр Ата даарысын, Кылымга атың таанылсын. Тилиң кызыл болсун, Тилегиң узун болсун. Оомийин!
* * *
Бак карасын,
Кыдыр даарысын,
Кудай жалгасын, Мал, башыңды Аман кылсын баарысын.
Кудай бак берсин, Бак берсе бат берсин.
Кудайым ырыс берсин, Ырыс берсе дурус берсин. Бактылуу бол, баштуу бол, Узун өмүр жаштуу бол. Телегейиң тептегиз, Малынып турсун майга кол. Бактылуу болуп балдарың, Ачылсын багы ар дайым.
Түндүктөн ырыскы куюлуп, Жолу болсун күн сайын. Оомийин!
- * *
Керегең эптүү болсун, Келиниң септүү болсун.
Айгырың үндүү болсун, Кочкоруң жүндүү болсун. Отуз уулуң болсун, Кырк кызың болсун.
Жайлоонун оту жошулсун, Жайылып малың кошулсун. Келиниң кулун байласын, Кемпириң куйрук чайнасын. Тоодой ырыс берсин, Көлдөй кымыз берсин. Көлкүтүп пейил берсин, Балкытып бага берсин. Оомийин!
- * *
Алганың алтын болсун, Мартабаң улук болсун. Жүзүң жарык болсун, Өмүрүң узун болсун.
Ден соолугуң сак болсун. Алганың менен тең карып, тең арып Ак чачтуу сары тиштүү болгула. Дасторконуң узарсын, Дөөлөткө өңүң кызарсын. Ат көтөргүс бай болгун, Пайгамбар батасын берсин.
Бак дөөлөтүн берсин, Кең пейил берсин, Ырыскы өзү издеп келсин.
Оомийин!
- * *
Балдарыңа бакыт берсин, Бакыт берсе,
Ар дайым артык берсин.
Даражасы көтөрүлүп нур чачып, Ырыскысын көөхардан чачып берсин. Бак карап, Кызыр даарып, ырыс жетип, Дөөлөтү суудай агып өсүп-өнсүн. Оомийин!
- * *
Угумсуз тындоочуң болбосун, Сыңар өтүк сындоочуң болбосун. Орунсуз мактоочуң болбосун, Отсуз кактоочуң болбосун.
Отуруп алып чыкпай турганга кез болбо, Кол кабыш кылар кези келсе,
Үйүңө башын сукпай турганга кез болбо.
Арак берсең алдыңа кетип,
Бербеген күнү боктой турганга кез болбо. Уятсыз келиниң болбосун, Ушакчы катының болбосун.
Тамактан соң кекире көрбөсүн, Тамак үстүндө чүчкүрө көрбөсүн. Уулуң какырып үйрөнбөсүн, Кызың кыйкырып үйрөнбөсүн. Атың арам болбосун, Конгон үйүң сараң болбосун. Оомийин!
* * *
Оомийин десең, мына бата:
Даарысын Кыдыр ата, Кыдыр кыяласын, Периште уяласын.
Бак берсин, баш берсин,
Өмүрүңө узак жаш берсин, Кетпес ырыс
Кең пейил берсин.
Коргогонго колдош кылсын,
Жалгаганга жалгаш кылсын, Каргаганга каргыш кылсын. Мээнетин ак кылсын, Муратын так кылсын.
Каба жааган кардан сактасын, Чаба жааган жаандан сактасын, Каптай чапкан жоодон сактасын. Оозу кандуу бөрүдөн сактасын, Колу кандуу уурудан сактасын. Ушу үйгө жамандык ойлогон Эгерим эки дүйнөдө береке таппасын. Оомийин!
- * *
Ак калпактын уругу,
Ак сөөктөрдүн улугу, Акылмандын тунугу колдосун.
Касың оңбосун, Кырсык болбосун, Калкына кут орносун. Артыңдан куубасын, Алдыңдан тоспосун, Эгерим душманың озбосун! Оомийин!
- * *
Каниет үй ээсине!
Кана, жайгын билегинди, Мен айтайын тогутуп тилегимди. Кези, кези, кези келсин, Уулуңа Улуулардын эсин берсин. Асанкайгынын мээр дилин берсин, Жээренченин мөөр тилин берсин. Токтогулдай ырчы болсун,
Толубайдай сынчы болсун.
Сегиз уулу сегиз бек, Телегейи тегиз бек
Ниязбектей бактылуу болсун.
Опузасы орусту алган, Ормондой тактылуу болсун.
Калыгулдун керээтин берсин Арстанбектин кереметин берсин. Тайлактын ташын берсин, Байзактын башын берсин. Адылдай ор,
Төрөгелдидей зор болсун. Боромбайдай акылчы, Тилекматтай өкүлчү болсун.
Сарт акедей даана болсун,
Мойт акедей нарк туткан баана болсун. Токтогулдай тоом, Тобоктой жоон болсун.
Санчы менен Матайдын баамын берсин, Сарыбайдын сан жылкы малын берсин, Калмырзанын кара жаагын берсин. Алымбектин баркын, Жантайдын наркын берсин.
Чоконун калыстыгын, Балбайдын көктүгүн, Жангарачтын төптүгүн берсин. Байтиктин өкүмүн, Шабдандын өтүмүн берсин.
Кыдырдын кыраакылыгын, Садырдын бир акылын берсин. Кубатбектин кутун берсин, Бүргөнү бүтүн берсин. Жеңижоктой дарыя болсун, Куйручуктай олуя болсун.
Казыбектей агылган акын, Көкөтөйдөй төгүлгөн чечен болсун.
Касымаалыдай күлүгүнөн бак айтсын, Көкүмбайдай шумкарынан нак айтсын.
Чалганын алсын, Нарбаштай чапканы чыгып, Сары Эдийдей салганы алсын. Кожомкулдун билегин берсин, Аксакалдын жүрөгүн берсин.
МАЛГА БАТА
Кыргыздар конокту малдан кан чыгаруу менен күткөн, коноктордун жагдайына карай түрдүүчө малдар союлган, ошол мал соёр алдында конокко бата кылдырган. Малга бата берүү ырынын чыгышы, аткарылышы мына ошол соорунда түзүлгөн. Мында малга сөз ыңгайын түрдүүчө буруп айткан түрү бар. Малга бата берүүнүн мазмуну элге, мал ээсине бакыт, жакшылык каалаган сөздөрдөн куралат. Төмөндө малга бата берүүнүн ар бир түрүнөн бирден үлгү көрүп багалы.
- * *
Мал мууздаганда бата:
Айры мүйүз, ача туяк, Эрте бактык, кеч кайттык. Жалынмак бизден, Жалгамак сизден. Жаның кудаага, Сообуң бакканга. Оомийин!
- * *
Сообу мага, жаның кудай жолуна,
Ай мүйүздүү,
Ача туяктуу арналуу малым.
Сенде кеп жок,
Менде эт жок,
Адамзатмын, анча эмес алым. Эрте жатып, кеч калдым, Кудайым өзүң жалгагын. Оомийин!
- * *
О, Жараткан,
Жалынмак бизден,
Жалгамак сизден, Айры мүйүз, ача туяк,
Эрте айдадык, кеч кайттык.
Менде азык жок, Сенде жазык жок. Жаның кудайга, Сообуң бакканга. Оомийин!
- * *
Кайыптан бүткөн ак малым, Кыйналып турат бир жаның.
Көктө Теңир күбө,
Жерде Кыдыр күбө,
Ыйык көтөргөн төл элең, Аксарбашыл мал элең, Ак тилекке багыштадым.
Эмесе, мен кургурда азык жок, Сен кургурда жазык жок, Жакшылыгыма ак санап бер. Оомийин, алло акбар!
Койго бата: Телегейиң тегиз болсун, Өрүшүң семиз болсун.
Тубар малың эгиз болсун, Сойгон коюң семиз болсун. Айдан, жылдан аман чыккын, Элге-журтка жакын. Дасторкон менен пейилден, Шыбага, ырыс тапкын. Оомийин!
Эчкиге бата:
Эчкиң тууса, улагы эгиз болсун, Эки жылда бир эчкиң сегиз болсун!
Күзүндөсү көтөрүп сойгонунда, Ичинен чара-чара май чыгып, Семиз болсун! Оомийин!
Жылкыга бата:
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын!
Үйүңөргө бакыт кушу конуп, Тайларыңар талааңарда тайраңдасын! Башыңардан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Баары туугандар эсен болсун, Айгырыңар үндүү болсун. Кочкоруңар жүндүү болсун, Корооңор кыктуу болсун. Коңшуңар ыктуу болсун, Өгүзүңөр күчтүү болсун. Инегиңер сүттүү болсун, Куру сайыңардан суу аксын.
Кылган ишиңер элге жаксын! Оомийин!
* * *
Оомийин, тайга бата, Колдосун Кыдыр ата. Кызың кыяласын, Уулуң уяласын. Эл чети жоосуз болсун, Эл ичи доосуз болсун.
Өрүшүң оттуу болсун, Конушуң куттуу болсун.
Колуң берекелүү болсун,
Жолуң мааракелүү болсун, Артканың төө болсун, Сааганың бээ болсун. Колуңда көгөн болсун, Оозуңда өлөң болсун. Кийгениң кымбат болсун, Мингениң тулпар болсун. Ырысың ашып турсун,
Аброюң ташып турсун.
Досторуң басып жүрсүн, Душманың качып жүрсүн.
Өркөнүңөр өсүп,
Өмүрлүү болгула.
Өмүр бою ушундай, Көңүлдүү болгула. Оомийин!
* * *
Бул бейилиңдин барында, Бир жакшылык көрөсүң. Келерки ушул маалда, Келиниң эркек төрөсүн.
Бактыңды кыдыр колдосун, Карааның сүрдүү болсун,
Кызың мончоктуу болсун. Уулуң он чакты болсун. Короого батпай койлоруң, Корумда козуң ойносун.
Жылкыларың күтүрөп, Жылганы бербей жойлосун. Демиңиз бийик тоо болсун, Дениңиз дайым соо болсун. Оомийин!
* * *
Сөзүң аталуу, Дасторконуң баталуу, Атың жотолуу болсун.
Бээң кулундуу,
Козуң туумдуу, Төөң ботолуу болсун. Коюң эгизден, Эчкиң сегизден туусун. Келиниң аягы менен, Койчуң таягы менен жаксын. Көңүлүң дилдүү, Башың сыйлуу болсун.
Кызың ыймандуу,
Келиниң ымандуу, Уулуң уяттуу болсун. Өзүң сары тиштүү карыя, Дөөлөтүң дарыя болсун.
Атың тулпар, Кушуң шумкар болсун. Желең бээлүү, Көчүң төөлүү болсун.
Ишиң жүйөлүү, Башың киелүү болсун. Кызың кыйырга,
Уулуң уяга консун. Сапарың байсал, Жегениң майсал болсун.
Баяндуу болуп,
Бак-дөөлөт конуп, Көңүлүң толсун. Оомийин!
- * *
Ие кудурет, Ушул үйдүн ээсине, Мол кылып баш бер. Көбөйтүп баш бер, Узак өмүр жаш бер.
Аттансын келген коногуң,
Ичпей тоюп,
Ыраазычылыгы түгөнбөгөн, Ыкылас бер. Оомийин!
- * *
Бейилиңе талаанын кеңдигин берсин, Көөдөнүңө тоонун өрлүгүн берсин. Бабалардын байрагын берсин, Баатырлардын айбарын берсин.
Бакай бабамдын акылын берсин, Кошой бабамдын батасын берсин. Сыргак эрдин билегин берсин, Чубак шердин жүрөгүн берсин.
Алмамбет зардын тилегин берсин, Асман, жер арасын буй кылган, Айкөл Манастын бир илебин берсин.
Оомийин!
Согумга бата:
Ойдо коюң жайылсын, Омуртка менен куйрук же. Кырда жылкың жайылсын, Казы менен карта же.
Байтал бээң кулундап, Кең жайлоодо туйласын. Кунажының музоолоп, Кең талаага сыйбасын. Оомийин!
Согумуң чүйгүн болсун, Көңүлүң туйгун болсун. Казаның ток болсун, Убайымың жок болсун.
Кут конгон төр болсун, Коногуң көңүлү өр болсун. Дасторконуң кең болсун, Бала-чакаң эр болсун.
Теңирим кеселеп берсин, Кеселеп берсе эселеп берсин! Оомийин!
* * * Этке эттей бата, Эт-бети менен кеткен бата. Нанга нандай бата, Мындан артык кандай бата. Атадан калган ак бата, Ар адамга бап бата.
Арамзаада бузукту,
Арабыздан тап бата. Кадимден калган ак бата, Калың журтка бап бата. Кара нээт бузукту, Казыктай жерге как бата!
Оомийин!
Желеге бата: Барчыл, барчыл, барчыл бол, Кере канат барчын бол. Болчул, болчул, болчул бол, Боз торгойдой төлчүл бол. Адам таппас сөздүү бол, Ор коёндой көздүү бол. Бурама темир, сом алтын, Сууга салса кетпесин. Теңир берген насибиң, Тепкилесе кетпесин. Желеңдин ал четинен бул чети, Жебе сызып жетпесин.
Кастык кылган адамың, Карайлап жолдо өксөсүн. Айтса – каргыш, тийсе – көз, Даарыбасын, өтпөсүн. Оомийин!
* * *
Теңир жолу ыйык деп, Биз берели ак бата. Жаш кошулсун жашыңа, Баш кошулсун башыңа. Ата жолун ардакта, Энени мазарыңдай сакта. Атанын эмгегин, Эненин мээнетин акта. Сабааң толсун кымызга, Чараң толсун уузга.
Ырысың ташып турсун.
Аброюң ашып турсун.
Агыны катуу дайрадан кеч,
Элиң түшкөн түйшүктү чеч.
Жортсоң жолуң болсун.
Жолдошуң Кыдыр болсун.
Оомийин!
* * *
Балаң өзүңө шай болсун, Ыңгыранган бай болсун. Желеңдин сааны кетпесин, Башыңдан кайгы өтпөсүн. Аты кетип Алайга, Даңкы кетсин далайга.
Кыргызга атын билгизип,
Кыйлага затын сүйгүзүп,
Үстүнө кымкап кийгизип, Бакыт берсин башыңа.
Сексенге чыга жашаңыз
Серкенин этин ашаңыз, Токсонго чыга жашаңыз, Топоздун майын ашаңыз. Жүзгө чыга жашаңыз, Жылкынын майын ашаңыз.
Жаш кошулсун жашыңа, Кызыгын анын көрүңүз, Кылым доорун сүрүңүз. Күлүгүң миништүү болсун, Көңүлүң тынычтуу болсун. Карылык ырыстуу болсун, Пейилиң жугуштуу болсун. Оомийин!
* * *
Мингениң жорго тай болсун,
Ичкенин кызыл чай болсун, Дүнүйөңүз шай болсун, Карышкырдай көздүү бол.
Адам тапкыс сөздүү бол,
Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун,
Ушул үйдө бир уулуң баатыр болсун,
Бай көңүлү жай болсун,
Балдарыңын мингени,
Жорго кара тай болсун, Ал желеңдин башына,
Ат жүгүрүп жетпесин.
Бул желеңдин башына, Ат жүгүрүп жетпесин. Бөдөнөдөй төлчүл бол, Адам таппас сөздүү бол. Оомийин!
* * *
Бак карасын, Кыдыр даарысын. Желең узарсын, Жергең көбөйсүн. Өрүшүң жайык болсун, Өмүрүң узак болсун. Өңүң кызыл болсун,
Кудайым мал берсин,
Баш берсин,
Узун өмүр жаш берсин! Оомийин!
- * *
Кулун, тайың жөрөлгөлүү болсун, Сабааң көрөңгөлүү болсун. Ортого чыгып топ бузган, Ооздогу сөзүң өнөгөлүү болсун. Желе бооң бек болсун, Желдеген касың тек болсун. Табагыңда сүт турсун, Аягыңда кут турсун. Жылкыңдын үйүрү башка болсун, Кулундары кашка болсун. Жоргосу болсо кызың минсин, Күлүгү болсо уулуң минсин. Кас санаган оңбосун, Камбар ата колдосун!
Оомийин!
- * *
Тунгуч кымыз ооз тийгизгенде бата:
Көтөр жигит билегиңди, Кудайым берсин тилегиңди. Көйнөгүң шайы болсун, Таягың кайың болсун. Калпагың ак болсун, Төбөсүндө чок болсун. Атың кашка болсун, Камчы сабың долоно болсун. Шердей үндүү бол, Жолборстой сүрдүү бол.
Ажыдаардай заардуу бол, Карышкырдай каардуу бол. Буудайдай бутакта, Талдай шакта. Карагайдай зуулда, Арчадай көгөр. Атаңдын ыйыктуусу бол, Энеңдин сүйүктүүсү бол.
Калкыңа кадыры арткан, Мартабасы бийик киши бол. Оомийин!
* * *
Жылкы атасы Камбар, Кымыздан башка эмне бар. Жергелүү жериң өссүн, Керилип келин өссүн. Үйүң толгон үт кирсин, Көнөк толо сүт турсун. Алты төөң ботолосун, Алты келиниң жетелесин. Кырк төөң ботолосун, Кырк келиниң жетелесин. Сабааңарга кут түшсүн, Саргашка кулун жуп түшсүн. Үйүңөргө үзүлбөй бут кирсин, Бутка илээшип кут кирсин.
Чаначыңа кудайым береке айтсын, Чайкалган сайын каңыл жарсын. Алыстагы тууган чаңкап келсин, Ак байбичең бал чайкап берсин.
Алаканың ар дайым ачык болсун, Дөөлөтүң душманыңдан ашык болсун.
Көп бер, көп бер, Ой-тилекти төп бер. Оомийин!
Көгөнгө бата: Кызыл кандан айрылган, Аппак сүтүң бергиниң. Чолпон ата баш болуп, Кошокту коштоп келгиниң. Бендеге чачкан ырыскы, Берекеттен тергиниң. Оомийин!
* * *
Эчкиң тууса, улагы эгиз болсун, Эки жылда бир эчкиң сегиз болсун.
Күзүндөгү көтөрүп сойгонуңда, Ичинен чара-чара май чыгып, Семиз болсун. Оомийин!
Жолго бата: Жолдун башы – Жол Теңир, Жылкы башы – Камбар эй. Жол үстүндө чарчасам, Камбар сиздей ким бар эй. Жол үстүнөн бага жүр, Ар балаадан кага жүр. Оомийин!
Көчкө бата:
Көчүң көлүктүү болсун, Жолуң көрктүү болсун.
Конушуң куттуу болсун.
Коңшуң мыкты болсун.
Босогоң бек болсун. Жан-жагың жайыл журт болсун, Жамандыктан сырт болсун.
Башыңарга кетпес бак консун, Мээримдүү бир Алла Силердик жак болсун. Оомийин!
* * *
Көчүң көрктүү болсун, Журтуң жуктуу болсун. Унааң камбыл болсун,
Уучтаганың кызыл жамбы болсун. Кызың кылыктуу болсун, Уулуң сылыктуу болсун. Келиниң келбеттүү болсун, Торко элгектүү болсун. Ичкениң тунук суу болсун, Өмүрүң түгөл дуу болсун. Калдайып турган жер сүйсүн, Калың кыргыз эл сүйсүн. Оомийин!
Конушка бата:
Корооң кыктуу болсун, Конушуң ыктуу болсун.
Жайлооң чөптүү болсун, Жан-жагың көрктүү болсун.
Жайытың жайык болсун,
Жаш балаңдын ойногону Жашыл сырдуу кайык болсун. Оомийин!
- * *
Көч нарктуу болсун,
Жүк жүктүү болсун.
Унаа камбыл болсун.
Айлана адил болсун,
Кызың кылыктуу болсун,
Келиниң келбеттүү болсун,
Жер-суу, тоо-таш Олуясы колдоп, Конушуң олжолуу болсун.
- * *
Жаңы конушта Жакканың арча болсун, Жайылган малың санча болсун.
Күтүрөп корооң түлүккө толсун, Күнчүлүк угулган дүбүрткө толсун.
Уулуң ушул жайлоодой күр болсун, Келиниң ушул суудай шар болсун, Кызың ушул төрдөй гүл болсун.
Жер-суу, тоо-таш.
Кайберени менен колдоп, Мал-жаның отко тунсун, Калк башың кутка тунсун. Оомийин!
* * *
Сыйлай берсең жата берем,
Кой, козголоюн мен да ордумдан, Колуңду жай, бата берем:
Таң жарылып атканда,
Тай кулунуң элирип,
Талаа түздө качканда,
Жээрде кашка айгырың
Жемире басып шыбакты,
Жер чапчылап аңгырап,
Жер-суу бузуп шаңгырап,
Жетимиш бээңди чарк айдап, Желеге ийирип шашканда, Уул-келиниң чубашып:
«Уай, тос!» – деп үн ашып
Чыктага илип жатканда,
Көңүлүң толкуп калкылдап, Бакалооруң былкылдап,
Бактың ашып балкылдап,
Укуругуң калтылдап,
Ошондо,
Учу тийип турсун Асманга! Оомийин!
* * *
Бир өмүргө бир жайлоо, Атадан калган күр жайлоо.
Бетегеси буралган,
Белестеги беш теке,
Күүгүмдө билбей эчтеке, Күтүрөп койго кошулуп Короону көздөй чубаган. Берекесинде терметсин.
Көк тиреген карагай Көгүндөгү Ай чарадай Көлөкөсүндө тербелтсин.
Өзөндө суу шарылдап,
Казанда сүтүң шуулдап,
Учкуну учуп жылдызга,
Очокто отуң дуулдап,
От Теңири жалынына алып,
Суу Теңири шарына алып,
Күн Теңири күүгүмүнө алып, Ай Теңири жарыгына алып, Көңүлүңдү өрлөтсүн. Кызыл кеч, аппак таңдарың Кызыгың канбай дегдетсин! Оомийин!
- * *
Йа, Жараткан кудурет, Жамандыкка жазбасын, Жакшылыкка баштасын.
Мал ээси – Жер эне
Жан ээси – Көк ата,
Не тилесе азир эт,
Өткөн нээтин кабыл эт, Кабыл этсең, азыр эт. Оомийин!
- * *
Кочкоруң жүндүү болсун, Айгырың үндүү болсун. Өгүзүң күчтүү болсун,
Инегиң сүттүү болсун. Эчкиң эгиз туусун, Эки жылда сегиз туусун.
Өрүшүңдө мал жайнасын, Казаныңда май кайнасын. Ырыс, бакыт, таалай кол кармашып, Төрүңдө Кызыр бабам тайраңдасын. Кур сайыңа суу аксын, Кылган ишиң элге жаксын.
Оомийин!
Сапарга баталар: Кыргыздарда «сапар» – жаан кезүү, жер кезүү, жер кыдыруу, жол тартуу, жүргүн жүрүү, жол үстүндө болуу, айылчылоо, жоого аттануу, ууга жөнөө, кербен тартуу, жолоочулоо, мал издөө сыяктуулар болгон. Кыска айтканда, аттанып үйдөн чыккан иштердин бардыгы сапар эсептелген. Сапардын узак, жакындык ченемин айлап-жылдап жүрө турган жол, айчылык жол, күнчүлүк жол, түшчөлүк жол, эми эле кайра келчү жол деп бөлгөн. «Жолдун, сапардын, пири – Кыдыр» делип, жолго чыккандын бардыгын «Кыдыр жылоолосун, Кыдыр жолдошуң болсун» деген ак тилек сөздөр чыккан. Кыргыздарда сапарды өтө аялуу билген. Жолу шыдыр болушу үчүн жолоочу, жүргүн, сапардагылар өзүн, дилин таза кармап, жол үстүндө күнөө иштерден сак болушкан. Өзүнө Кыдыр жолдош болуп жүргөндөй ишенимдүү да, аруу сезинген. Жол үстүндө бейажал кумурскага да зыян салбаган. Сапарга жүрүүчүгө туугандары, жакындары, айылдаштары: «Жоолук да болсо жолуңа жакшы» – деп ырымдык белектерин беришип, сапарына ак жол тилеп бата беришкен. Батадагы кубаттуу сөздөр аттанып чыгып жаткан адамдын көөнүн көтөрүп, үйдөн жеңил жөнөөгө аралжы боло алган. Болуп да айчылык сапарга аттангандарды салтанаттуу аттандырган. Кыргыздарда жоо менен беттешкенде туу түбүндө турган кол башчыдан жооп сурап, жоого беттешүүгө түшкөндөн бөлөк, анын батасын алып, өзүнө сөздүн кубатын «шай» (күч) кылып, кубаттуу кирген. Сапарга аттанганда ата-эненин батасын алып жүрүү эң эле маанилүү болгон. Ошондуктан, кыргызда «сапар баталарынын» өзүнчө бир тобу калыптанган. Сапарга аттанарда кыска «кош айтышуу» каалоо, тилек сүйлөмдөр да калыптанган. Төмөндө кыска каалоо, тилектерден баштап, сапарга аттанганда берчү баталардын үлгүлөрү берилди.
Сапарга кыска ак тилек:
Жакшы бар, көрүшкөнчө жакшы бар.
Ак жолуң ачылсын, жолуң болсун.
Сапар байсалдуу болсун.
Жолуң шыдыр, жолдошуң Кызыр болсун.
Жолуң олжолуу болсун.
Тынч-аман барып, эсен-соо кайтып кел.
Жолуңду Кызыр жылоолосун.
Жеңил барып, оор кел, жегениңен ала кел.
Көрүшкөнчө саламатта болгула.
Кудайым кайра көрүшүүгө насип кылсын. Кай көрүшүүгө буюрсун, Кош болуңуздар.
Сапарга бата:
Жолуң шыдыр болсун,
Жолдошуң кыдыр болсун, Эр Манас менен эр Кошой, Жолдошуң болсун!
Барган жериңде,
Күл кармасаң, күмүш болсун, Топо кармасаң, алтын болсун! Турган жериңе Кетпес дөөлөт.
Кең пейил берсин!
Оомийин!
- * *
Көңүлүң толо берсин, Бак-таалайың чынарлап,
Башыңа бакыт куту коно берсин. Узак өмүрлүү болсун.
Арыстандай айбаттуу, Ач жолборстой кайраттуу, Бото тирек сеңирлүү болсун. Өнөрүң өрлүү болсун, Бакчаң мөмөлүү болсун. Сөзүң жөлөлүү болсун, Жолуң жөнөлүү болсун. Оомийин!
- * *
Күнүң чубактуу болсун, Көңүлүң куунактуу болсун.
Конушуң өрүштүү болсун,
Эккениң жемиштүү болсун, Эмгегиң келиштүү болсун. Жылдызың төбөңдө болсун, Кундузуң жакаңда болсун. Жарың чүрөктөй болсун, Арың түлөктөй болсун. Өнөрүң өрлөй берсин, Өмүрүң төрлөй берсин. Оомийин!
- * *
Жүзүң нурлуу болсун,
Жүрөгүң сырлуу болсун, Тилиң ырлуу болсун.
Жигиттин сырттаны атанып,
Өнөрүң сегиз кырлуу болсун. Бир үйдүн баласы болбо, Миң үйдүн санаасы бол.
Бир элдин атасы болбо, Миң элдин даанасы бол.
Бир тонго жака болбо,
Көп колдун агасы бол. Акты ак деп баала, Караны кара деп сана.
Өзөгүң талса өзөн боюн жагала, Башыңа иш түшсө, көпчүлүктү сагала. Белге таңуу кемер бол, Өзүңө өзүң кемел бол.
Досуңа эдил бол,
Калкыңа адал бол, Жооңо катаал бол. Оомийин!
- * *
Акылчы бол, даана бол, Адашканга паана бол. Жакшыны макта, Жаманды датта.
Алсызды жакта, Артыңды сакта, Арыңды сатпа. Оомийин!
- * *
Берекең тайып качпасын, Белиңди душман баспасын. Адал жан болсун антташың, Арыңды күлдөй чачпасын. Бакыт болсун башташың, Мейманын бекер ташпасын. Тирликте тапсаң түз жолуң, Теңирим берээр башкасын. Оомийин!
- * *
Жолборстун жүрөгүн берсин, Жорткон элдин билегин берсин. Кудаанын кулагына чалынып, Ушу айткан тилегим келсин.
Байдын дөөлөтүн берсин,
Байлыгын элге жумшап, Кызыгын овлаты көрсүн. Дубасы тийсин бакшынын,
Дабасы тийсин жакшынын.
Жаттын жалаасынан сакта, Жакындын табаасынан сакта. Керооз катындын өсөгүнөн сакта, Капыс келээр кеселинен сакта. Карадан каргыш алба, Каракчыдан алкыш алба. Бооруң бүтүн болсун, Соолгус кутуң болсун. Сүйөөчүң Үрүстөм болсун, Мөрөйүң үстөм болсун. Өсүп-өнүп толуңуз, Өкүнбөстөй болуңуз. Оомийин!
* * *
Оомийин десең мына бата:
Төрүңдө жорголосун Кыдыр ата. Кайда болсо жолуң шыдыр болсун, Жолдошуң Кыдыр болсун.
Кайырлуу кылып дөөлөт берсин, Өмүрлүү кылып перзент берсин.
Ошол көргөн перзентиңе Улукман акимдин жашын берсин, Кыдыр бабамдын башын берсин. Көрө албаган пендең болсо, Коргоочуң бир Теңири болсун. Тилеген тилегиңди кабыл алсын, Кабылдаганын насип албасын. Оомийин!
- * *
Бакытың дөөлөтүң менен таша берсин, Душманың кырдан үркүп кача берсин. Бата ушул: бизден сизге ырахмат жаап, Кудайым маңдайыңды ача берсин.
Оомийин!
- * *
Кажарлуу болсун салганың, Качырганын койбогон. Ажарлуу болсун ардагың, Чачылганын жыйнаган. Мазарлуу болсун жүргөнүң, Изиңде кут уялаган. Кызырлуу болсун түгөйүң, Жүзүңдөн бейиш сылаган. Оомийин!
- * *
Оболу Кудай оңдой көр, Оң жолуңа жолдой көр.
Адашса жолго сала көр,
Мүдүрүлсө колдоп ала көр, Кездешсе шайтан кага көр!
Жакшыларга жанаштыр, Жамандардан адаштыр, Жылдыздарга жалгаштыр. Чегеси бол жериңдин, Эгеси бол элиңдин. Кадоосу бол калкыңдын, Ажосу бол жалпынын. Оомийин!
- * *
Эр жигиттин сыйлатаар
Ар убак турагы болсун, Канат берип туйлатар Аргымак туягы болсун.
От айлана баш берсин,
Өрүш толо мал берсин, Чамгарагы чалкысын. Оомийин!
- * *
Күнүбүз тууштуу болсун,
Жерибиз ырыстуу болсун, Өрүшүбүз малга бай дүбүрлүү болсун,
Келиндерибиз балага бай үбүр-шүбүрлүү болсун. Эр жигиттин туу этер турагы болсун, Ээрчип чыгаар туягы болсун.
Чалгын керип күүлөнтөөр канаты болсун, Чабышкан жоосун жеңмек адаты болсун. Оомийин!
- * *
Мингениң тулпар болсун, Салганың шумкар болсун. Көнүлүң жамандык көрбөсүн, Малың экиден төлдөсүн.
Жайлооң жашыл болсун. Алганың асыл болсун. Салганың куш болсун, Төрүңө кут консун. Өмүрүңдө жамандык көрбөй, Көңүлүң толкусун көлдөй. Жараткан узак берсин өмүрүңдү, Болбосун жашооң бүлүндү. Алганың ак уул, кызыл кыз төрөп, Тебелеп турсун төрүңдү.
Суу кайнаган казаныңда май кайнасын, Төрт периште төрүңдө тайраңдасын. Пешенең эгиз болсун, Ырысың тегиз болсун.
Маанайың мамык болсун,
Маңдайың жарык болсун. Эшигиңден май аксын, Чайнегиңден чай аксын. Өмүрүң суудай болсун, Сакалың куудай болсун. Ишиң илгери болсун, Жолуң шыдыр болсун.
Жолдошуң Кыдыр болсун.
Оомийин!
- * *
Сапарың оң болсун, Кайтаарың тез болсун.
Кашка жолдун боюнда, Кызыр бабам кез болсун.
Кетилбесин тулпарыңдын туягы, Кайрылбасын шумкарыңдын кыягы. Барган жерде кучак жайып каршы алсын, Жакшы адамдар, жайсаң жандар зыялы. Жайдары элге, жакшы жерге таанышкын, Алла жебең учкан кушка жарышкын. Көңүлүң шат, ат көлүгүң арыбай, Аман-эсен очогуңа табышкын. Оомийин!
- * *
Төрт тарабың шайлуу болсун, Жорткон жолуң жайлуу болсун. Күнүң чыгып жаркырап, Түнүң тынч айлуу болсун. Ичкениң зам-замдын суусу болсун, Ууртуң толо майлуу болсун. Бир Алла өзү жебесин, Арбактарың демесин. Кайып Эрен, Кырк Чилтен Жан-жагыңдан жөлөсүн. Нук пайгамбар алдыңдан, Деңизде тоссун кемесин.
Алты күндө алты айлык, Арыбай-талбай жол алгын. Аман-эсен кайрылып, Азыркыдай кол алгын. Оомийин!
- * *
Балам, сапарың олжолуу болсун, Жорткон жолуң оң болсун. Башыңа булут конбосун,
Кара ниеттин тилеги оңбосун.
Атың тулпар болсун, Кушуң шумкар болсун.
Жалгыз башың эки болсун, Эки башың жети болсун, Жети башың жетимиш болсун.
Бабалардын арбагы жолдош болсун.
Теңирим өзү колдосун. Оомийин!
* * *
Оомийин десең, бизге, Алакан жайдык сизге. Жол Теңири колдосун, Жортуп жүрсөң түздө. Жабалактап кез келсин, Жазда издегениң күздө. Жамандык көрбөй эгерим, Жашың жетсин жүзгө.
Жамандыкта кайышып,
Жаман аттай майышып, Жакшыдан күдөр үзбө.
Жар болсун Жаратканым,
Ак болотуң мизде, Адилдикти изде, Айланаар жолуң түздө. Оомийин!
* * *
Жолуңду Теңирим колдосун, Жаманчылык болбосун.
Шертиңен тайбай бек турган, Ишенимдүү болсун жолдошуң. Жолуңду кесем дегендер, Эгерим иши оңбосун.
Жарыя болсун ишиңер, Жакшы болсун түшүңөр. Жортуп кеткен изиңде, Жоогазындап гүл өнсүн.
Доско – бурак, каска – чок,
Жоо айласы түгөнсүн.
Жумшак болсун төшөгүң, Жугумдуу болсун ичкениң. Көрбөгөн жерди көрүп кайт, Көсөмгө салам берип кайт. Ырыскың сыртта чачылса, Баарын түгөл терип кайт. Көкүлүңдөн жел сылап, Желип барып, желип кайт. Бак кошулсун багыңа, Так түшпөсүн арыңа. Сак-саламат кайтып кел, Кездешелик дагы да. Оомийин!
* * *
Жамгырсыз жаздан сакта, Жапа чеккен аздан сакта. Касиетсиз кектен сакта, Кегин кууган көптөн сакта.
Булуттун аласынан сакта, Чууттун балаасынан сакта.
Дос болуп, кас болгондон сакта.
Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта. Береке дуба ашыңдан кетпесин,
Бакыт-дөөлөт башыңдан кетпесин. Бак атасы кашыңдан кетпесин. Жорткондо жолуң шыдыр болсун, Жолдошуң Кыдыр болсун.
Жигит пири Шаймерден колдосун Оомийин!
* * *
Жорткондо жолуң болсун, Жолдошуң Кыдыр болсун. Кайберен, Кыдыр, Чилтен, Катарлашып колдосун.
Жолуңа кедерги болбосун,
Беш карууң шайлуу болсун,
Беш багытың жайлуу болсун, Түнүң тынч айлуу болсун.
Кана эмесе жөнөлгүн.
Атаңдан калган жөрөлгүң. Кайрылып эсен оролгун, Көп болуп сый жоролгуң. Оомийин!
* * *
Оң болсун балам сапарың.
Мол болсун даамың, татаарың. Тууган элиң тапшырса, Парызы өтө катардын.
Барып келип жүрбөйбү, Өзүңдөй жаштар катарың. Калктын сүйгөн тиреги, Коргоочум сен деп тиледи.
Энеңдин сүтүн актай бил, Абыроюңду сактай бил, Ордуңан чыксын тилеги. Оомийин!
* * *
О, адамдар!
Өмүрүң – сапар, Жол жүрөсүңөр:
Жолуңар шыдыр, Жолдошуңар Кыдыр болсун.
Тилек ак, ниет таза, Ишиңерди Кудай оңдосун.
Өрүшүңөр – малга,
Кырманыңар – данга, Оозуңар – майга толсун.
Жакшы адамдарды, Теңир жаман көздөн,
Жалган сөздөн сактасын. Эл намысын коргогон.
Эр азаматтардын,
Башынан сыймык кетпесин, Карылар – дөөлөттүү,
Айымдар – сөөлөттүү, Келиндер – келбеттүү, Жигиттер албеттүү болсун!
Барчылык болуп,
Токчулук келип,
Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап, Очок жагып, Ордо толсун.
Эл тынч, журт аман болсун. Ата-баба арбагы жылоолоп, Теңири колдосун. Оомийин!
- * *
Үчтүн бири – Кут Тумар.
Бештин бири – Бек Жолдош.
Жетинин бири – Кыдыр.
Тогуздун бирөөсү – Тоом. Он үчтүн бири – Олуя. Дос күтсөң он экини күт, Он эки түт.
Ошондо баары болот, баары толот.
Жараткан мүчөлдү колдойт! Оомийин!
- * *
Саламат барып сак кел, Сагындырбай бат кел. Эсен барып соо кел, Эзелкиден оор кел.
Алдың ачылсын, Жолуңа була чачылсын. Жолуңда өнгөн тал көргүн, Жоболоңсуз жан көргүн. Жылан болсо өлтүргүн, Жыдыгыңа көндүргүн.
Бөрү болсо эргигин, Тобо томук келтиргин.
Оомийин!
* * * Ууга жөнөгөндөгү бата:
Кыргыздарда аң уулоо, мергенчилик кесиби эң байыркы чарбачылык түрлөрүнөн болуп эсептелет. Кыргыздар аңга чыгарда кайберендин жолуна, тоо-таш ээлерине жалбарып, жолун ачык кылууну тилек кылышкан. Ошондон улам ууга жөнөрдөгү тилек-бата ыры жаралган. Ал төмөнкүдөй айтылат.
Кайберен ата чеберим, Сыйынамын мен сага.
Менин жолум кайыптан,
Жараткан өзү буйруган, Күндөп-түндөп көп басам, Буюрбассың күнүгө.
Арачалап жанымды, Тоо-ташыңдан тайгылтпа. Кур кол кайра келбейин, Кайберен аткан айыпка.
Аркар-кулжа аралаш.
Алдыма тушташ келе көр, Кайберен ата чеберим, Ырыскы колго бере көр! Оомийин!
Кечмеликтеги бата:
Агымы катуу дайрадан, Алла Таала колдосун.
Суу кечкенде жетелеп, Сулайман болсун жолдошуң. Шаштыра албай кыйналып, Шайтан шашып оңбосун. Сулаймандан кагажып, Чөлгө качып жоголсун. Оомийин!
* * *
Күргүн дайра суудай
Кудайым өзүң колдорсуң.
Шар жиресем шаштырбай, Илияс пирим жолдошум, Шааниси менен кечиргин.
Шайтанга наалат жоголсун. Жаа, пирлерим тирегим Чымын жанды коргосун! Оомийин!
ЗАЛКАР БАТАЛАР
«Залкар баталар» кыргыз ак баталарынын ичинде эң улуусу, өтө касиеттүүсү болуп, бул баталарды эл туу туткан, ишенген касиеттүү кишилер, пир болуп тутунгандар берген. Ал адамдарга эл назары түшкөн, бүткүл калк ынанган болот. Алардын оозунда чын эле «алтын шилекейи» бар, айтканы «эм» болот деген ишеним бекип алган. Бул залкар батаны берүүчү кишилер да оңой эле, көрүнгөн жерде бата бере койбогон. Алар демейдеги дасторконго, же аш-тойлорго бата берип жүрбөй, кандайдыр бир олуттуу окуяларга, эли-журттун көксөөсүнө атайылап бата беришкен. Залкар баталардын берген ээси (автору) болот да, алардын дүйнөгө, табиятка болгон түшүнүгү терең, инсанат турмушунун тажрыйбасына тотуккан эл акылмандары, көсөмдөрү, залкар адамдардын айткан сөздөрү курч, тилеги төп, болжолу анык болгондуктан, алар берген ак тилек – залкар баталардын көбү эм болгон. Алар айткан акылман ак тилектер адам рухуна кыт болуп куюла калганда, дароо боло калгандай туюнууга жетишкен. Ошого жөнөкөй адамдардын берген баталарына бакканда, залкар, улуу касиеттүү (таза, жөндөмдүү) адамдардан «алтын шилекей» алып калууга ынтызар болуу пайда болгон. Ал тургай дили таза, элге кадырман адамдар «бөбөктүн оозуна түкүрүп» алтын шилекей чачып, ак батасын берген. Ошого «алтын шилекейиңизди чачып коюңуз» деген сөз калыпташкан түрү бар.
Чын эле залкар баталарды эл рухун аздектеген, калк ишенимин канык билген, зили чечен, акылмандар чыгарган «Бата» деген ак тилек менен айтылган бул көркөм адабий тектин уугун койгондор залкар адамдар болгон.
Бул алгачкы «ак баталарга» төмөндөг үлөрдү залкар баталардын өрнөгү кылып көргөзүүнү ылайык көрдүк.
Умай эненин батасы. «Умай» кыргыздардын сыйынуучу пирлеринин бирөө болуп, ымыркайдын өнүпөсүүсүнүн ээси деген түшүнүк боюнча Умай энени улуу тутунуп келген. Умай эненин колу ымыркайга эм-дом болот, бөбөктү колдойт деген бекем ишеним болгон. Умай энелердин өтө бийиктеги элеси сүрөттөлүп, адамдардын дилиндеги ыйык ургаачы элестетилип, энелерди «Умай» деген сапаттын улуу талабына жетүүгө умтултуп салган.
«Умай» деген сөз «баланын шериги, жолдошу, ээси, тону» болот. «Умайга табынса, уул табат» деген макал бар дейт, «түркү тилдер сөздүгүн» түзгөн Махмут Кашкарий (караңыз, уйгурча басылмасы, 1-том, 167-бет). Умай эненин кыргыз аңыздарындагы баланы калкалоо, өнүп-өсүүнүн ээси деген түшүнүк боюнча, кыргыз залкар баталарынын башы Умай эненин алтын шилекейи менен чачылган. Бул батада Умай эне өсүмдүктөрдүн, эгинчиликтин, малчылыктын жана башка табият мүчөлөрүнүн ээлерине (пирлерине) кайрылып, бардыгы табияттын бардык мүчөсү, бир топ киндиктеш катары туруп, өсүпөнүгүүгө тилектеш болууну, табиятты бурчалтпай, тепетеңдикте өнүп-өсүүгө ак тилек айткан. Биз Умай эненин батасын залкар баталардын башы тутунуп, көпчүлүктүн өндүрүш, жаңы иш башында ийгиликтер каалаганда эл аксакалдарынын оозу менен айтып жүрүүбүзгө тийиш экен. Умай эненин батасы ушул бирөө гана эмес экени белгилүү, мындан аркы баталарды жыйноо жүрүшүндө көптөн чогултууларына ишенебиз.
Баба дыйкан батасы. Баба дыйкан кыргыздын аңыздык түшүнүгү боюнча эгинчиликтин ээси. Ал үрөндөн баштап, чечтеген кызылдын, жалпы эле дандын пири болуп данды коргоочу, калкалап өстүрүүчү деп каралган.
Кыргыздын аңыздык элесинде Баба дыйкан «боз кептер» болот имиш. Ал эгинди, кызылды калкалап, эгинчиликке берекет алып келет деген аңыз айтылат.
Жуңго кыргыздарында (кээ бир жерлерде) ушул күндө кыргыздын кызылын сузарда эки ырым жасашат: анын бирөө, «Аккуланын акы үчүн» элден мурда бир күрөк сузуп, кырмандын төрүнө коюп коёт. Бул «Манас» эпосундагы Манастын буудай эгип, ал буудайга Аккула тайды алмаштырып келген окуясы менен кандайдыр бир тектик байланышы ырымдык жорук менен сакталып калган. Ал эми дагы бир ырым, кызыл сузганда «кепсен» бермей бар. Жарды-жалчыга дандан кепсен бөлөт. Ушунун бардыгы Баба дыйканга байланыштуу түшүндүрүлөт.
Баба дыйкан батасы кыргыздын залкар батасынын бирөө болуп, бул айдоо жерге үрөн себерде колу берекеттүү, дили таза киши үрөн себүүнүн эң алгачкы башталышында, бир ууч үрөндү сепкенче айтылат. Батанын негизги мазмуну бул үрөндөн өнүп чыккан дан жалгыз эле эгүүчүнүн өзү үчүн өнбөй, дагы табияттагы жан-жаныбарлардын акысы, алардын ырыскысы үчүн өнүү керектигин айтат. Ырыскы ала турган жан көп болсо, дан да ошончо мол чыксын дегени. Дагы бир жагынан, кыргыздын табияттагы жан-жаныбарлар менен ырыскылаш бирге жашоо таанымын ушул батадан байкатып турат.
«Манастагы» баталар. «Манас» эпосу кыргыздын билим китеби. Андагы бардык маданияттын ичинде кыргыздын ак сөз – бата маданияты, өтө жогору ченде камтылып бизге жетти. Жалпы кыргыз журтчулугуна белгилүү «Кошойдун батасы» деп аталган залкар бата баш болгон көптөгөн баталар «Манаста» айтылат. Батанын өрнөгү боюнча «Манастагы» баталар олуттуу окуяларга карата айтылган. Андагы бата берген адамдар кыргыздардын рухуна да кыт болуп куюлгандар, бул жыйнакка «Манастагы» залкар баталардан Жусуп Мамай айтымындагы Кененимге берген Бакайдын батасы, Бекбачага берилген баталар, Каныкейдин батасы жана Сагынбай Орозбак уулунун айтымындагы «Кошойдун батасы» үлгү катары алынды.
Бакайдын батасы. «Манас» эпосунда Семетей, Бакай, Каныкей, Күлчоро сыяктуулар Кызыл алп дөөнүн дүмөгү менен Шамырымдын тоосуна камалып кыйын кезеңде калганда, Манастын төртүнчү урпагы Кененим ат көтөргүс алп болуп жетилип, эч кандай ата-бабасынын каруу-жарагы менен жабдынбай эле дөөнү түптүү теректи жулуп алып ошону менен чапкылап, таш менен койгулап өлтүрөт. Ошондо Бакай бата берген. Андан кийин да пери кыз, эл-журт көп жолу бата бергени айтылат.
«Манас» жомогунда Манастын бешинчи урпагы Бекбача баатырга эл-журт көп жолу бата бергени бар.
Кошойдун батасы. Кыргыз баталарынын эң нарктуусу катары каралат. Бул Манас баатырдын тукумун улоого, Манастын жолун жолдоочу тарыхый адамдын дүйнөгө келишине төтө байланыштырып айтылып келет. Бул батанын берилүү ыңгайы Каныкейдин уздук өнөрүнө, атап айтканда, Кошой баатыр жер бетинде адам калбай келген «Көкөтөйдүн ашындагы» өтө чоң, күрөш майданында күрөшкө чыгууда ылайыктуу шым табылбай, айласы түгөнүп турганда Каныкей жасаган кандагай шым Кошой дөөнү ыраазы кылат. Мына ошол уздукка ыраазы болгон Кошой алакан жайып, бала көрбөй жүргөн Каныкейге бата берет. Анда ар улуттан, ар динден болгон майдандагы элдин баары бирге: «Оомийин» – деп батага кошулушат.
Ошол батадан улам Каныкей Манаска Семетей уулду төрөп берет. «Манастагы» бул Кошойдун батасы кыргыздардын батага болгон ишенимин ого бетер бекемдеп турат.
«Манастагы» залкар баталарга Каныкейдин уулу Семетейди Каракандын элинен өз жергесине аттантар кезде берген батасы да кирет. Ал бата Манас баатырдын улуу ишин улоочу данакер катары көрүнөт. Майнаптаганда «Манас» жомогундагы баталар өзүнчө бир топ көлөмдү түзөт.
«Энесайлык Кыргыз атанын батасы». Бул залкар баталардын ичинен эң эски баталардын бирөө болууга тийиш. Бул бата көрүнүктүү тарыхчы В. Бутанаев жазган «Энесай кыргыздары» деген китептен алынды. Ал китепке ошол жердеги эл оозунан жазып чогулткан «уламыштар» аркылуу кирген экен.
Батанын берилүү ыңгайы мындай болгон: ошол кездин жоосу кыргыздарды өз жергесинен сүрүп бөлөк жерге алып жөнөгөндө, жер менен киндиктеш болуп калган Кыргыз ата балдарын чогултуп туруп бата берип, «өз тоолорубузду унутпагыла, кайра келгиле» деген мааниде терең батасын берген (Бутанаев «Энесай кыргыздары» деген китептин 42-бети). Бул бата чыгуу доору жагынан байыркы баталардын үлгүсү, байыркы тил боюнча сакталып калган түрү болуп эсептелет. Байыркы батанын ташка чегилген бир кертимин да бул залкар баталардын ичинде көргөздүк. Максатыбыз биздин бата маданиятыбыздын башаты тээ баштапкы кезден келе жатат дегендей табыштоо болду.
«Угуз наамадагы» бата. Бул бата «Угуз наама» чыгармасынан алынды. Жазма түрүндө бизге жеткен «Угуз наамадагы» бата биздин залкар баталарыбыз катары саналат. «Угуз наама» чыгармасы ХIII–XIV кылымдарда кагаз бетине түшкөн. Азыр бир нече кол жазма нускасы сакталып калган.
Бул батаны берүү ыңгайы: Угуз хакандык такка олтурганда элдин берген батасы жана Угуз хакан өзү баатырларына, иш билгилерине берген ыраазычылык баталары болуп эсептелет. «Угуз наамадагы» бата биздин бата салтыбыздын тээ байыртан ала жүргөнүн, батанын берилиши өз кезинде бийликти жалпы колдоого алып тургандыгынын бир далили катары көрүнүп турат. Кадыресе батанын курамын, түзүлүшүн изилдөөдө бул байыркы жазмага түшкөн батанын мааниси зор.
«Кут алчу билимдеги» бата. Бул залкар батанын үлгүсү Жусуп Баласагындын улуу чыгармасынан алынды. «Кут алчу билим» аттуу бул улуу чыгарма 1069-жылы жазылган болуп, мындай батанын үлгүсү жазма түрүндө бизге жеткен.
Махмут Кашкарийдин батасы. Бул залкар бата «Түркү тилдер сөздүгү» («Дивани лугатит түрк» 1075–1094-жылдары жарык көргөн) аттуу улуу чыгармадан алынды. Батаны ушул чыгарманы жазган Махмут Кашкарий китептин кириш сөзүндө жазып, Халифа Мухаммет уулу Абылкасым Абдылла Муктеди Бийемирилла улукка арнап берген. Батанын салттык түзүлүшү, сөзүнүн баяндоо күчү, чын эле Махмут өзү айткандай «түркү элдеринин сөзгө чеберимин…». дегенин ырастап турат. Махмут Кашкарийдин жазган батасынын бизге келип жетиши, ак баталарыбыздын кайнар булагынын калыпташкан «оргумасын» элестетип, бата айтуу көркөм сөз өнөрүбүздүн тарыхын ого бетер таасын көргөзө алат.
Токтогул ырчынын батасы. Токтогул ырчы (1320–?) кыргыздардын XIV кылымдагы уламыштан бизге жеткен улуу ырчысы болгон. Бул улуу ырчынын бизге жеткен чыгармалары көп эмес, бирок нечен кылым өткөнүнө карабай, эл ичинде бир нече ыры сакталып калганы шүгүрчүлүк. Ал эми Токтогул ырчынын батасы да ошол чыгармаларынын ичинде берилген болуп, XIV кылымда кыргыздын Бердибек хаканы такка олтурганда куттуктап берген батасын бул залкар баталарыбызга алтындын күкүмүндөй кылып алдык. Элибиз ичинде «Токтогулдай ырчы, Толубайдай сынчы бол» деген ылакап сөз Токтогулдун чоң ырчылыгын күбөлөй алат.
Токтогул ырчынын батасы кыргыздардын бата берүү салты, батаны чыгаруучулар ырчылардан, чечендерден боло тургандыгынын баш жагын көрсөтүп берет.
Арстанбектин батасы. Арстанбек Буйлаш уулу (1824–
1878) кыргыздардын «булбулу» аталган чоң ырчы болгон. Бул ырчынын бизге жеткен батасы акындык чыгармачылыгында, атап айтканда, Жеңижок (Өтө) ырчы канат күүлөп, эл ичине ырчылык улуу жумушун баштаган кезде берген батасы болуп эсептелет. Арстанбек ырчы кыргыз ак баталарын кандайдыр күчтүү баян деңгээлине жеткиргенин берген батасынан байкоого болот.
Арстанбектин батасы кыргыз ырчысы кандай боло тургандыгы жөнүндө талап коюп, «ырчы болсоң сынчы бол» деген сыяктуу ырчылыктын бийик жерлерин көргөзүп, «ошондой бол» деген баталык баян ыкымын колдонгон. Андан көркөм өнөрдүн пирлери «Камбаркан» сыяктуулар колдосун деген батанын жөрөлгөлүү курамасы боюнча курч сөздөр менен батанын бийик бир чокусун көрсөтүп турган. Ошого Арстанбектин батасы залкар баталарыбыздын ичинде турууга тийиш.
Токтогул Сатылган уулунун батасы (1864–1933). Токтогулдун батасы ушул замандын ырчылары чыгарган бата нускасынын өрнөгү катары каралат. «Тоо булбулу Токтогул» өмүрүндө жүздөгөн баталарды айтса керек, бирок бизге жеткени аз болду. Эң жакшы жери Токтогулдун батасы биздин бата маданиятыбыздын дагы бир түрүн, атап айтканда, айтыш ырларында берилген батанын өрнөгүн көрсөтө алат. Бул залкар баталар бөлүмүнө кирген Токтогулдун батасы 1922-жылы Кетмен-Төбөнүн Итагар жайлоосунда өткөн чоң тойдо Калык ырчы экөө алымсабак ырдашып жаткан ыңгайда берилген.
Умай эненин батасы
Теңирим берген көк майса, Жаралган атам заманда.
Күтүшөт көктөм майрамын, Асманда жылдыз, ай, күн да. Көктөм, көктөм, көктөм,
Күттүк биз сени салайга.
Теңирим берген көк майса, Көк менен жердик көркү бул.
Кызгалдак, каакым, көп болгон
Көктөм, көктөм, көктөм,
Теңир көк берген көк байса, Келе көр бирге тезирээк.
Жер айрылып көк чыксын, Желин айрылып сүт чыксын.
Угулсун көктөн күлдүрөк, Көктөм, көктөм, көктөм, Келе көр бизге жел көктөн. Теңирим берген көк байса, Көп күттүрбөй бизге кел.
Кош өгүзүн маймандайт,
Баба дыйкан үрөн сээп, Көктөм, көктөм, көктөм, Келе көр бизге жел көктөн.
Теңир көк берген көк байса,
Дыйкандарга эгин бер,
Малчыларга төлүн бер
Кампа толо дан болсун, Короо толо мал болсун.
Мал кармаган бай болсун, Арбын айран мол болсун.
Кымыран кымыз көп болсун, Мал атасы Малабай, Элге майлуу сүт берсин. Ойсул ата, ой Камбар, Элге шыбат, күч берсин. Камбар ата балдары, Кара курттай жайнасын.
Чычаң ата, ай мүйүз,
Чолпон ата, кумпа баян,
Солто мерген, черте баян, Жамаатына жар болсун. Адам ата балдары, Акыл менен иш кылсын.
Yрөн сээп, мал багып, Эмгек менен күн көрсүн. Кайыптарды сыйласын,
Чер токойду кыйратып, Кайың, талды кыйбасын.
Ой-тоодогу кайберен,
Ойрондолуп ийбесин,
Көкө теңир жар болсун, Пейилдери оңолуп, Касташкандар токтолсун.
Согушкандар жоголсун,
Ыймандары оңолуп,
Каниет кылса баарына,
Кайыр берсин көбүрөөк,
Жетим, жесир, карыпка
Өкүмчүлүк кылбасын, Карыларын урматтап, Кичүүлөрүн сыйласын.
Узун болсун өмүрү,
Оорубасын, оңолсун, Учуктары узарып
Бала күтсүн, бар болсун. Кылган ишин жактырып, Көкө теңир колдосун.
Оомийин!
ТЕҢИРИ БАТА
Үстүдө түрк Теңири,
Түрк ыйык жери,суусу мындай деген: Түрк эли жок болбосун дейин, эл болсун дейин….
Күлтегин ташынан
Баба дыйкандын батасы
Коңур салкын жел келет, Жер жылымдап, кар эрип. Кош эмчеги тырсыят, Кыз толукшуп бой керип.
Жерден келет жел кабар, Тал-теректер көгөрүп, Уйкуда жандар ойгонот.
Өлбөстүккө күн көрүп,
«Мезгил келди чачкын» – дейт, Чечте үрөн үн салып.
Күңгүрөнөт чыгыш жак, Жеңгенсийт жаз кыш айды. Амач карма дегенсийт, Албан талаа дыйканды. Көктү бузат көк бука, Амал айкын кабарлап.
Жер кулагы жети кат, Жер иштеткен адамзат. Жерден кабар алышар, Жер эмгекти кадырлайт.
Жер куураса алаамат, Жер кулагы жети кат, Жер иштеткен адамзат.
Калайыкка дан керек,
Аппак күндөй нан керек, Амач карма, жер айда, Ай-талааны чиймелеп.
Арпа, буудай дан айда,
Сулуу, нокот, таруу айда.
Конок, зыгыр кошо айда,
Ак жүгөрү, май айда,
Дарбыз, коон дагы айда, Кан, калемпир, кара мурч, Сарымсак, сабиз калтырба. Дагы айтарым дагы бар, Албан дыйкан угуп ал.
Эгин экпей арык чап,
Ашуун болсун эгиниң,
Тоонун тунук суусун бак, Жер кулагы жети кат, Жер иштеткен адамзат. Өрттөй болсун өгүзүң,
Өткүр болсун амачың,
Алас болсун аштыгың, Уста пири Дөөтү, Амачыңды оңдосун.
Уйдун пири Ай мүйүз Амач тарткан күч кирсин. Күн күркүрөп, жамгыр жаап, Күлдүр ата колдосун.
Үн атасы Камбаркан, Ай-талаага күч чачсын. Өнүп чыксын үрөнүң, Өсүп чыксын жүгөрүң. Суу атасы Сулайман, Көктөн, жерден колдосун. Жердин пири жел эле, Кабыл алсын дилиңди.
Жел атасы Желкайып, Булут айдап буулуксун.
Дыйкан терин чуурутуп, Ободон жамгыр куюлтуп. Күндүн пири Күн теңир, Суу менен бирге нур берсин.
Жарык берсин, жан берсин, Чычкан пири Чие ата, Жамаатына жар кылсын.
Ийин казып, жер көөлөп, Жер кыртышын жумшартсын.
Жерге түшкөн үрөнүң, Жети күндө жарылсын. Майсалары узарсын,
Умай эне ак чачсын.
Үркөр ата тогошуп,
Алас болсун эгиниң,
Көкө теңир жар болсун, Кызыр ата даарысын.
Умай эне дем берсин, Күч өгүзүң кош болсун, Күткөн көктөм куш болсун. Оомийин!
Түрк атанын Угуз каанга батасы
Эми, эпаадам калбасын унут, Кагандын кеңешчиси бар эди, Ысмы Улуу Түрк.
Жайкалган ак сакалы буурул кары, Кылымды билген кыраа эле, Сүйлөгөн кеби мураа эле.
Түндөрдүн бир түнүндө түш көрүптүр, Түшүндө мындай кызык иш көрүптүр: Күн тууштан Күн түнөккө Керилет алтын жаа дейт. Түн жагын түптүз мелжеп, Тебилет күмүш ок дейт.
Ойгонуп уйкусунан,
Толгонуп тынчы кетип, Таңында каганына таазим этип, Түшүн аян кылат, баян курат: – Ай, каганым, өмүрүң болсунгул узун, Төрөлүк болсун гүл түзүн.
Теңирим түштө көргөнүм өңгө келдирсүн, Тең дүйнө жериң уругуна бердирсүн!
Каган кары үгүтүн куш көрдү дейт:
– Түшүң түш эмес, түш келгил,– дейт…
«Огуз намэден»
Угуз каандын жалпыга тилеги (Бурут бата)
Теңир буйруп болдум каганың, Будан ары:
Жаа, калкан болсун куралың, Тамга болсун буланың, «Көк бөрү» болсун урааның.
Айза учтуу жышың коргонуң болсун,
Куушуп кумда куланың ойносун, Өзөнүң ташсын, нугунан соолбосун, Күн жалгасын. Көк колдосун!
«Огуз намэден»
Бакай ата батасы
Айтылуу шумкар көздүү бол, Адам таппас сөздүү бол. Байсалдуу артык үзүлбөс, Бак баштаган күчтүү бол. Балага балтыр бешик бол, Бакытка ачык эшик бол. Улууну сыйлап жетик бол, Кичүүгө өмүр кешик бол. Аккан суунун шары бол, Балбандардын алы бол. Оорулууга дары бол, Опол тоодой кары бол.
Кыдыр болсун жолдошуң, Кыйың күн башта болбосун. Ыйык тут Манас ордосун, Оомийин, кудай колдосун!
Акбалтанын батасы
– Бала Жакып баатырым,
Сенин кабыл келди акылың.
Жоруюн көргөн түшүңдү,
Бай Жакып, балам байкачы, Оңдосун кудай ишиңди.
Балам тоого чыгып алганың, Толкуган кара калмактын Төбөсүнөн басканың.
Бала барчын куш салсаң, Азуулуу кырып дагы алсаң.
Балам Ааламды билет экенсиң.
Барчының бала болбойбу,
Атаңдын гөрү бай Жакып Сен балалуу болот экенсиң. Кайгырганың кой, балам, Тоюңа токсон сой, балам!
Кара барчын куш салсаң, Жакып бай, балалуу болот экенсиң. Кыр жагыңда Кытайды, Кырып берээр уул экен. Кара калмак манжууга Калайман салчу кул экен. Капалуу болсоң жоёсуң, Балалуу болсоң кулунум, Атын Манас коёсуң.
Кара көк жал эр болот, Ааламды буй кылган, Аябаган шер болот.
Түштө кылыч да тапсаң,
Далайды бузуп эл кылган, Ташты чаап жол кылган.
Кара сууга кан куйган,
Өзөнчөнү майлаган,
Каарына тийгенди, Кармап алып жайлаган, Аты Манас арстан шер. Алда Жакып, кулунум, Уулдуу болот экенсиң!
Ай менен Күндү кармасаң,
Балаң баатыр атыгып,
Баатырым Жакып угуп ал,
Он сегиз миң Ааламдын Сен туткасын кармаар экенсиң!
Сенден туулса шер туулат,
Алты шердин кенжеси,
Алланын сүйгөн пендеси,
Сайып уруш аты улук,
Ары балбан, ары шер,
Таалайың артык султан эр, Уулдуу болот экенсиң! Акбалта баштап ошондо Бата берди чуркурап. Жакыптын зайыбы Чыйырды Ыйлап турду чыркырап…
Кандардын Манаска берген батасы
Каарданган канкор шер,
Кан ичмеси бек кармап,
Асты жагын караса
Арстан сындуу көз жайнап, Качырганы жолборстой, Кагышкан аман болбостой. Каарданып сумсайып,
Кошой, Төштүк алпынан, Ажыбай, Бакай канынан,
Оомийин, – деп кол жайып Батасын сурап турганы. Бакай, Кошой эки кан
Мойнуна курун салынып, Оомийин, – деп кол жайып, Кудуретке жалынып: – Жараткан уккун кебимди, Сындыра көрбө белимди. Кудай үстүн кыла көр, Кабылан Манас шеримди!
Кытайды үстүн кылбагын, Кыргызды астын кылбагын.
Ободо Чолпон жылдыз бар
Артына Кудай таратпа,
Кара калмак манжуунун, Жан деп Кудай жаратсаң, Тегеле көзүн каратпа.
Аттан түшсө кокустан,
Арстан төрө кабылан,
Манасын колго берди деп,
Чийгени турат сызыкты,
Кан Коңурбай баш болуп, Кылганы турат кызыкты.
Кошой, Бакай карыя Кол көтөрүп буркурап, Батасын кылды чуркурап…
Кошойдун Каныкейге берген батасы
Кундактай бели ийилип, Тизеси жерге тийилип, Каныкей басып барганы. Абакеңиз Кошой дөө Сын көзүн эми салганы: – Атаганат, канкорум,
Ушул балам Каныкей, Күйүп турган чок экен, Дегеле ак жоолукта жок экен.
Желке чачы жуп экен, Өзүңдүн көзүң өткөндө, Эмгекке тууган күң экен!
Азиздер мында келсин деп
Айгай салган жери ошо, Атпай журттун баарысы Аңгемеге барышты.
Абакеңиз эр Кошой
Дастарын кыйгап чалынып,
Жаратканга жалынып,
Алакан жазды буркурап, Атпай журттун баарысы Бата кылды чуркурап.
Көп жыйылган көзү ушул,
Көпчүлүктүн көзүнчө
Кошойдун айткан сөзү ушул:
– Тилекти берсе бир Алла, Туулса мындан бир бала,
Ургаачы болбой эр болсун, Аюу болбой шер болсун!
Атышканын алсын деп,
Күрөшкөнүн чалсын деп, Өлөңдүү жерди өрттөгөн,
Өзүнөн бенде өтпөгөн,
Тулаңдуу жерди тутантып,
Туугандын баарын кубантып,
Кайратың калк, эл туюп,
Суу ордуна кан төгүп,
Катылышкан душманын
Өгөөлөсүн темирдей, Акыры тууса эркеги Аты болсун Семетей.
Арууке келин баласы
Акылдашы ар качан,
Ага болсун чын жоро, Аты болсун Күлчоро.
Кыдыра кырчын тал болсун,
Кырга чыга бергенде
Семетейге кылуучу кудай жар болсун.
Ак болотун майласын,
Ачуусуна келгенде,
Абыке, Көбөш, кан Жакып Ошолорду жайласын.
Көк болотту майласын, Кыйыгына тийгенде Кырк чорону жайласын! Кошой бата бергени,
Капыр менен мусулман Кошо бата кылганы,
Жер дүңгүрөп калганы…
Манастын Алмамбет менен Сыргакка берген батасы
Боз кисесин тагынып,
Туура тартып Алмамбет
Туйгунду бата бергин деп
Мойнуна курун салынып, Батасын сурап Манастын Карай турду жалынып.
Башында Кошой кан болуп,
Бадыша Бакай да болуп, Башкалары андан көп,
Баякы калың кол болуп, Алакан жайып көтөрүп,
Арстан Манас күңгүрөп.
Кыбыланы беттенип:
«Барганда Кытайдын жолу тар болсун,
Кабылан эки көк жалым Какайлаган Кытайда Кайыр кылар болбосун.
Алмамбет, Сыргак эгиз эр,
Арыстан тууган эки шер,
Алыска сапар жол тарттың,
Кабылан жолборс берендер,
Аман келгин бөрүлөр!» Бата берип чуркурап, Баары туруп кол жайды.
Кабары кагуу Бээжинден
Кайта эсен келгин деп,
Көзүнүн жашы буркурап, Бата алып эки шер Жолго салды зыркырап…
Каныкейдин Семетейге батасы
Баргының, балам, жол болсун, Кудайым сени колдосун. Атаң башта кол берген,
Кожо Асан болсун жолдошуң.
Бастыргын, балам, жол болсун,
Басташкан душман кор болсун. Арбагы колдоп атаңдын, Айбатың журттан зор болсун!
Жетимиш пирге кол берген, Жетик ирет кызыр жол берген, Атакең Манас колдосун.
Алтымыш пирге кол берген,
Алты ирет кызыр жол берген, А дүйнө кеткен атаңдын Арбагы сени колдосун! Баргының, баатыр, жол болсун, Жол болгондо мол болсун. Кас санаган кишиң, Таманыңда кор болсун.
Арбагың өсүп жол болсун, Оорагың журттан зор болсун!
Жусуп Баласагындын баталары
(«Кут алчу билим» китебинен)
О, Кудай, ак пейлиңди арттыра көр, Жамы журт момундарга теңчилик бер!
Кутман элим, өмүрүң узун болсун, Эл тизгиниң кармаган бекем колсуң.
Куттуу эрге кутман атак туш болсун, Түбөлүккө ушул аттан кут консун.
Махмут Кашкарийдин батасы
Теңири анын мартабасын ар дайым жогору кылсын,
Өмүрүн ыраат-дөөлөт ичинде узак кылсын,
Анын улуктугунда теңдеши жок,
Оорактуу негиздерин былк этпес кылып бекемдесин, Анын буйрук, жоболорун кеңейтсин жана күч алсын.
Адам балдары анын кайрымдуулугунан жылдыздардай жетик бакыт тапсын.
Анын тилеги орундалып, ар бир ийгилиги ак жүрөк досторун кубантып жүрсүн.
Теңири анын каар-казабына калган жоосун ого бетер кар кылсын.
Анын көлөкөсүн, көркүн, кудуретин, адамдык сапатын жана жетиктигин мусулмандардын үстүнөн алыстатпасын.
Токтогул ырчынын батасы
Берендигин карматып, Бердибек болду каныбыз. Берек түркүн балдары, Тынчыды эми жаныбыз.
Куттуу болсун каныбыз,
Кумардан чыктык баарыбыз, Аман болсун жаныбыз!
Асанкайгынын батасы
Бак карасын,
Кыдыр даарысын, Желең узарсын, Жергең көбөйсүн. Өрүшүң жашыл болсун, Өңүң кызыл болсун.
Кудайым мал берсин, баш берсин, Узак өмүр жаш берсин. Оомийин!
Акын Арстанбектин Жеңижокко берген батасы
Ырчы балам, Жеңижок, Сенде ырчылыктын кеми жок.
Шаймерден сени колдосун,
Барбардигер кудурет
Бааналап ишин оңдосун Камбаркан баба кол берсин,
Кыдыр даарып, жол берсин!
Оо, балам, ырчылык жайын айтайын: Ырчы болсоң сынчы бол! Зөөкүрдү чабар камчы бол, Кургак жерге тамчы бол. Дүлөйлөргө кулак бол, Чөлдүү жерге булак бол. Аргымак минген баатыр бол, Алсыздарга жакын бол. Күлүк минген күчтүү бол, Күйдүргөнгө миздүү бол. Жесирлерге желек бол, Жетимдерге көмөк бол.
Канкорлорго касап бол, Калп айтканга мазак бол. Ууруларга айгак бол, Ушакчыга сайгак бол. Бечарага калка бол,
Беделсизге арка бол.
Айтаар сөзгө кыска бол,
Аптыгып алкым агытпай, Атпай журтка нуска бол. Кара өзгөй болбой калыс бол, Кошоматтан алыс бол. Усталарга балка бол, Уяттууга калка бол.
Коркокторго туруш бол, Кош сөздүүгө буруш бол. Калк чөлдөсө жамгыр бол, Карыларга кайрым бол.
Алы жокко айбар бол, Ашы жокко айран бол.
Эрегиш чыкса элчи бол, Эл-журтуңдун кенчи бол. Тону жоктун бөркү бол, Той менен аштын көркү бол.
Желек кармаар жетик бол,
Бакырларга кешик бол, Балалууга бешик бол,
Бак-таалайга эшик бол.
Жери жокко конуш бол,
Эти жокко союш бол, Пейилдүүгө бейпил бол, Тар дүйнөгө мейкин бол. Нысаптууга байыр бол, Мүлдө журтка шайыр бол. Таразанын ташы бол, Ырчылардын башы бол.
Нуска сөзүң кап болсун,
Санат ырың сан болсун,
Санжыра сөзүң саз болсун, Калың кыргыз элине, Кадырың артып бак консун. Оомийин!
Акын Нурмолдонун батасы
Жин-шайтанды качыраар, Жек-жаатындай куучу бол. Тарттырбас намыс атуулу, Турагынын туусу бол. Тартышта мөрөй алдырбас, Теңтуштарың куусу бол. Сурап турар баарысын,
Суктандырар күчү бол. Бир гана карап сескенчү, Чоңду сымал сынчы бол. Көргөнүн нөшөр төгүүчү,
Күсөйдөн өтөр ырчы бол. Оомийин аллоу акбар, Жүсөйдөн ашар сырчы бол!
Акын Жеңижоктун батасы
Тогузу болгун жылдыздын,
Туйгуну болгун кыргыздын,
Жетиси болгун жылдыздын, Жетиги болгун кыргыздын.
Учу болгун кылычтын, Учкуну болгун жылдыздын. Сабы болгун кылычтын, Сазы болгун кыргыздын. Оомийин!
Акын Коргоолдун батасы
Отурган жерде айдай бол, Оозго салган майдай бол.
Жумшактыгы пейлиңдин, Жылма жибек шайыдай бол. Жакпай турган кишиге, Жер жуткан Карынбайдай бол. Оомийин!
Токтогул Сатылган уулунун батасы
(Айтыш)
Токтогул: – Баштай бер, Калык батаны, Бата берип кайталы. Кыскартып айтып, Калыгым, Аттын башын тарталы.
Калык: – Ак тоюңа ыракмат, Аман болсун балдарың. Акыл-эсин үйрөтсүн, Айылдагы чалдарың.
Токтогул: – Тойпоңдогон балдарың, Токтунун майын ашасын. Таалайлуу болуп балдарың, Токсонго чыга жашасын.
Калык: – Сербеңдеген балдарың,
Серкенин майын ашасын.
Саламат болуп балдарың, Сексенге чыга жашасын.
Токтогул: – Каргадай болгон балдарың, Кабзул Аазам колдосун.
Илбериңки жаш келин,
Ишиңди кудай оңдосун.
Калык: – Кадырлашың карабай, Аман болсун жолдошуң. Чар тарабың кеңейип, Чоң ырыскы орносун.
Токтогул: – Акындар бата берди деп, Ар убак эске ала жүр. Алтымыш ашып, келиним, Алганың менен доорон сүр!
Оомийин, балам батага,
Ыракмат эне-атаңа, Ыраазы бол келиним,
Ырчыдан кеткен катага.
ТИЛЕК
Кыргызда баталар менен тилектин айырмасы бар. Ал баталар кандайдыр бирөөгө арналып, адамдын ээлеринен (Теңирден, Жараткандан, Кудайдан) «бер, бере көр, сакта» ж.б. деп сураган, табияттын пирлеринен «колдо, жалга, даары» деп өтүнгөн тилектерди негизи мазмун кылат. Атап айтканда, тилек өзүнө кылынат.
Тилек адам муратына жетүүнү көксөөнүн белгиси. Адамдын бүткүл нээти туураланып, ошол нээтине жетүүдө бүткүл өзүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып шыкалап турганда, дагы да кандайдыр бир улуу күч ал тилегине жеткирүүгө колдошун тилеген. Тилектин негизги максаты муратын чыңоо болуп эсептелген да, «тилегиңе жет, тилегиңди берсин, тилектүү жаша» деген бата сөздөр тилекти коштоп берген. Тилек турмушка, жашоого көңүлдүү экенин билгизип, кайратка келүү, белсенүүнүн мүдөөсү катары кызмат кылып турган. Тилектүү жашоо адамзаттын келечекте умтулуусун көрсөтүп тургансыйт.
Тилектин чыгышына себепчи болгон дагы бир нерсе, баштапкы коомдо дүйнө адамзатка сырлуу болуп, түрдүү коркунучтар үкүс кылып турган. Ал коркунучтарга чамасы келбеген, техника өнөрү жетишпеген адамзат кандайдыр бир ээге, жаратканга жалбарып, андан «сакта, колдо» деп тилеген. Азыр ушул күндө да кандайдыр бир оорчулукка, өзү мажирөөлүк кылган ишке кабылганда, кээ бир сырды чече албаган тилек тилешет. Кыргыздар жөрөлгөлүү тилектерден төмөндөгүлөргө түшүнүк бере келет.
«Ээден тилек». Бул тилекти жекелер өздөрү ээн отурганда, кандайдыр бир нээтке келгенде, оорчулукка кабылганда адамзаттын ээлеринен сураган тилектер болуп, жакшылыкты, дөөлөттү, өмүрдү ж.б. тиленип, өзүнүн оюндагы бөксөлүктү толтуруп, өзүнө толук пайда кылып жашаган. Өзүнүн айткан бул ак сөзүн ээлер угат, билет деген наристе тааным боюнча айтылган. Ээден тилек тилегенде байыркы кыргыздар мойнуна бото байланып, таш оодарып, шаңдуу дөңгө чыгып, агыны катуу суунун боюна барып, эч кимге көрүнбөй тилектерин айткан. Кээ бирөөлөр жайынча отуруп, адам жок кезде үн чыгарып айтып тилек кылган. Кээ бирөө ичинен тилек айткан. Тилеген тилек өзүндө эмне жок болсо, эмне керек болсо, ошону эмнеден корксо, ошондон сакта деп тилеген. Ал эми кыргыздар ислам динине киргенден кийин да, намазды арапча окуганы менен тилекти кыргызча айтып, намаз тилекти аткарып турушкан. Кээ бир тилектер бата катары элге айтылып кырсыктан, кокустуктан эл-журтту сакта деген тилек тилеген. Ошого кээ бир тилектер бата катары айтылып кете берет.
«Мерген тилек». Мергендер аңга чыкканда, капкан койгондо кайберен ээсинен «колдо, жолума жолдуу кыл, жолум болсун, жолум ач» деген тилекти айтып аң уулашкан. Кайберендин ээси болот деген түшүнүк кыргыз аңчыларына кайберенди опсуз кырбоонун чектеме күчү катары көрүнүп келген да, опсуз кырса кайберен ээси жазалап, Кожожаш сыяктуу аскада калат дегенден коркушкан. Ошого аң уулаганда, алды менен кайберен ээсинен тилек тилеген.
«Байгеге тилек». Байге кыргыздардын тууштуулугунун, ат таптоо саяпкерлик өнөрү менен мөрөйгө жетүүнүн эң чоң сыноосу болуп, баш байгени алуу олжонун молдугуна жетүү гана эмес, кадыресе, баш байге алган киши, уруу, эл, айыл өзүнүн күч-кубатын, (бир алган) айбанды канат жасабаса да башка өнөр менен эң алдыңкы катарга чыгара арнаган) акылмандыгын көрсөтүүгө жетишкен. Кыргыздар табияттын башка бир мүчөсүн өзүнө үйрөтүп алуу жагынан мактанарлуу өнөрү бар экенин мындай эки нерсени мисалга тартып мактанып жүрөт. Анын бирөө аргымакты эң эле жүдөп жүрбөгөн тайдан чыгарганын, ал тайдын өзүн көрбөй туруп, тезегинен эле аргымак болор жылкы экенин таанып, аны таптап аргымак кылып алганы, бул өнөрдүн эң чокусуна жеткени экен. Дагы бирөө, алгыр куштан эмес, адам эң жаман көргөн канаттуунун чабалы «жоорду айра чокуган» сагызганды таптап ага кийик алдырган өнөрү чын эле мактанууга татыйт. Мында айтып кетели, сагызгандын биринчиден, суктугунан, экинчиден, тумшугунун курчунан пайдаланып, керексиз нерсени тактап, керекке жараткан.
Сагызганды кармаган соң, кийик кеп жасап, кийиктин эки көзүнө жакшы этти байлап, күндө чокутууга көндүргөн. Өз табына жетип колго көнгөндө, кадимки эле куштай аны кийикке салганда, закымдап учкан сагызган тиги кийиктин эки мүйүзүнүн ортосуна конуп алып (кийик сагызгандан үркмөк тургай тоотуп да койбойт), анын көзүн олуй чокуп, эки көздөн алсыраганда, мерген барып кийикти кармап алганга жетишкен. Бул өнөр чын эле мүнүшкөрдүк жактан мактанууга татыйт. Ал эми алгыр кушту таптоо ар кимдин эле колунан келбес, сагызганды колго көндүрүп, аны керекке жаратуу, табияттын, болуп да канаттуулардын сырын билген акылмандардын колунан келген.
Айтарлуусу байге кыргыз турмушунда түрдүү жактардан караганда өтө маанилүү чоң жарыш болуп, андан аты чыгууну ар ким тилек кылышкан. Мээнети менен тилеги жеткендердин аты байгеден чыккан. «Байге тилегин» атты коё берерде бата катары айтса, байгеден келгиче ар ким өз тилегин ичинен айтып көксөп турган.
«Суу кечкендеги тилек». Кыргыздын мифтик (аңыздык) түшүнүгүндө суунун ээси (пири) Сулайман деп тааныган. Улуу суу тили жок жоо, мындай жоого кабылган киши суудан аман-эсен өтүүнүн тилегин кылган, суунун пиринен, ата-баба арбагынан колдоо талап кылып айткан. Бул «суу кечкендеги тилек» болуп калыптанган.
«Дамбыр таш» (жаан тилек). Кыргызда алгачкы жаан жаап, күн күркүрөгөндө жаанга чыгып, челек калдыратып, «Дамбыр таш» деген тилекти айтышкан. Чагылгандын пири, күндүн пиринен жаан көп жаашын тилеген. Күндүн жаашы «жаан менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт» деген макал менен корутундуланган. «Дамбыр ташты» үйдөгү балдар челек калдыратышып айткан. Андан бөлөк жаан жааганда балдар айта турган дагы жаан тилөө айтымы болгон.
«Уктардагы тилек». Түнкү бейпилдикти, амандыкты тилөө кыргызда илгертен калыптанган. Көбүнчө жашаган кишилер уктардын алдында тилек тилеп, өздөрүнө дем берип уктаган. Кээ бир жалгыз уктагандар да уктарда тилек сөздөрдү айтып өзүн толуктап, топук алып уктоо адатына айланган. Ошону менен «уктардагы тилек» айтымы калыпташкан.
«Жаңы айга тилек». Кыргыздын байыркы ишениминде асмандагы заттарга сыйынуу болгон. Анын бир күбөсү азырга чейин жаңы айды көргөндө ага жүгүнүп, «айга тилек» айтуу жөрөлгөсү келе жатат. Айдын жаңырган түсүн байкоо, ошого карай аба ырайын жоромолдоо кыргыздын ойчул кишилеринде болгон. Ошол жаңы туулган ай элге-журтка жакшылык алып келсин, кырсык болбосун деген тилектерди айтышкан.
«Төлгө тилек». Төлгө салуу, төлгөгө ишенүү тээ байыркы сыйкырчылык өнөрүнө ишенген доордон баштап кыргыздарда келе жатат. «Манас» эпосунда Манастын атайын төлгөчү адамдары болуп, жоо жактын төлгөчүлөрүнүн абалын, болор иштин жоромолун айтканы баяндалат. Төлгө салганда төлгөсүнө атайын тилек айтымы айтылып, «төп түш, түш, ооп түш» деген сыяктуу тилектерди айтат. Төлгө тилекти төлгөчүлөр гана айткан.
«Жай жаш тилеги». Жай жаш тилегин байыркы кыргыздардын «кам» деп аталган бакшылары айтышкан. «Кам» уйдун өтүнөн чыккан «жээк ташты» алып, аны сууга салып, булут пирлеринен тилек тилеп, жаан жаадырууну суранган. Бул да илгерки наристе түшүнүк боюнча жасалган аракет болуп, сыйкырчылык замандын адамдар мээсиндеги тагы эсептелет. «Жай таш», «жаан таш» дегенден буруп айтылганы болуп, жаан тилеги жайчылар жагынан айтылганы.
«Бакшы тилек». Кыргыздар качанкы бир доордо шаман динине ишенген. Шаман дини кезинде билимдүү, окумуштуу адамдарды бакшы деп атаган. Азыр да монгулдар мугалимди «бакшы» деп айтышат. Түркияда түрктөр акынды «бакшы» дешет. Кыргыздар «жин кууй турган, илээшкен-жабышканды кууй турган жөндөмү бар адамды бакшы» деп атайт. Байыркы шамандык таасир боюнча ооруган адамга «бакшы ойнотуу» болуп келген. Ал бакшылар өзүнчө эрекче уйкаштуу айтым менен пир чакырып, «илдетти айдатуу» аракетин жасашкан. Мында да пирлерден тилек тилөө, сүрлүү пирлерди чакырып, андан күч тилөө айтымы айтылган.
Тилек айтуу.
Ыя, Теңири, эске ал, Өзүңдөн башка пенденин, Сүйүнө турган неси бар.
Ыя, Теңири, абалы өз каарыңан сакта, Шайтандын заарынан сакта, Кадамы катуудан сакта. Жайылган доодон сакта, Куюлган уудан сакта.
Жыйылган доодон сакта, Каптаган чуудан сакта, Ташыган суудан сакта.
Онтотуп жаткан дарттан сакта, Өчпөс өрттөн сакта, Кетпес кектен сакта. Оомийин!
- * *
Ыя, Теңири,
Арамды адал дегизбе, Катынды базарчы кылба, Нааданды азанчы кылба. Жерим тозбосун, Элим азбасын. Оомийин!
- * *
Сакта Кудай. Арбак колдо, Жараткан жар бол. Олуям демей көр, Кыдыр ата жебей көр.
Касиетиңден айланайын, Колдо пирим, Колдо бабам.
Тил, көздөн сакта.
Медет бер баба. Оомийин!
- * *
Балаадан сакта, Жалаадан сакта.
Кооптон сакта, чууттан сакта, Түн жатып түшүңө чыккандан сакта, Озунган бөрүдөн сакта.
Оозу кан уурудан сакта,
Күлүп кирип, күңгүрөнүп чыккандан сакта, Дос болуп, кас болгондон сакта.
Оомийин!
- * *
Ыя, Кудурет, Суук көздөн сакта, Кайбаат сөздөн сакта.
Мезгилсиз өлүмдөн сакта, Көөдөнсүз келинден сакта. Татымсыз туздан сакта, Арсыз кыздан сакта.
Капилет ордон сакта, Кайрымсыз зордон сакта. Жамгырсыз жаздан сакта, Тагдырсыз таздан сакта.
Бакты берсең, бактылуу кылып бер, Дөөлөт берсең, кайырлуу кылып бер. Аял берсең, сүйүктүү кылып бер, Уул берсең, улуктуу кылып бер. Келиндин келиштүүсүн бер, Аттын желиштүүсүн бер. Тирүүбүзгө тилек бер, Өлүүбүзгө жумак бер. Ушул тилегимди бөлүп-жарбай, Үйүп-төгүп бир ак бер. Оомийин!
* * *
Ыя, Жараткан, колдой көр,
Бак-дөөлөттү өлбөс кыл, Жалгаганга жалгаш кыл, Ала ооздуудан калыс кыл. Ниеттери пак болсун, Мээнеттери ак болсун. Тилектерин асыл кыл,
Нээттерин кабыл кыл. Өпкөсүн чаң өрдөбөс, Жүргөн жерин жашыл кыл.
Оомийин!
- * *
Далактатар тоодон сакта, Жалактатар жоодон сакта. Ачыккан бөрүдөн сакта, Кара жердин көрүнөн сакта. Ашынган уурудан сакта, Кулкуну курудан сакта.
Душмандын каарынан сакта, Ичи жамандын заарынан сакта. Аяк алдынан кезигээр, Балаа-жалаанын баарынан сакта. Оомийин!
- * *
О, Жараткан,
Өлүмдүн тезинен сакта,
Андан калса сегизинен сакта, Андан калса эгизинен сакта, Кандын каарынан сакта.
Карачанын дооматынан сакта, Бакбай балаңдан сакта, Жаппай жалааңдан сакта.
Капсалаң болгон жуттан сакта, Кара өзгөй болгон доодон сакта. Аңдыган уурудан сакта, Абайсызда тийген жоодон сакта. Оомийин!
* * *
О, Кудай, Кандын каарынан сакта,
Төрөнүн заарынан сакта. Өктөгөн өкүмдөн сакта, Онтогон оорудан сакта, Кежирлердин дооматынан сакта.
Качырганы шамалдай, Кайсаганы камандай, Кандын кабыланынан сакта.
Күрүлдөгөн көчкүдөй,
Төрөнүн дөлөңгүтүнөн сакта. Жабуулаган жалааңдан сакта, Таңуулаган балааңдан сакта. Күлүп киргенден сакта, Күңгүрөнүп чыккандан сакта.
Сасык арамзанын тушагынан сакта. Оомийин!
* * *
О, Кудай!
Айланайын өзүң колдо,
Өйдө-ылдыйда, ашуумда, татаал жолдо, Шайтанга азгыртпа ач көз кылып, Кулкумду буза көрбө, ниетимди оңдо. Сагызганча шакылыктатып кичилетпе, Чар каргача чырылдатып кишенетпе. Кай жерде, кайсы тойдо олжо бар деп, Түлкүчө жойлоттуруп шимшилетпе.
Жон жоруча-жонго коюп, тарп күттүрбө. Кол жооругуча үксөйтүп баш мүлжүтпө. Карышкырдан калгандын кардын жарып, Кашкулакча капталдан сүйрөттүрбө. Кузгунча таң заардан куркулдатпа, Каргача кайдалатып тарпаңдатпа. Кайда болсо напсим тыйып, ыйман берип, Касиеттүү элиме уят кылба. Оомийин!
* * *
Жалга Теңир, кабыл эт, Жалгоонун камын эт.
Ызат, аброй, бак, дөөлөт,
Кызыр карап, бак конуп, Эмне тилек тилесең,
Ошонун баарын кабыл эт. Ыйманымды түгөл эт.
Достун көңүлүн ача көр, Душман көңүлүн баса көр.
Тозоктогу оттон как,
Насип каккан жоктон как.
Адилдикти бургандан сакта,
Кайрымсыз туугандан сакта,
Нанды тепкен кесирден сакта,
Ырысты чанган келинден сакта,
Мезгилсиз келген өлүмдөн сакта,
Татымсыз туздан сакта,
Уятсыз кыздан сакта, Жигиттин аңкоосунан сакта, Агайындын бүтпөс доосунан сакта. Оомийин!
* * *
Ыя, Жараткан кудурет,
Ниети кара, жегени арамдан сакта. Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта, Өтпөс бычактан, баспас күлүктөн сакта.
Эл ичин ыдыраткан бүлүктөн сакта,
Жетим-жесирдин ырыскысын ашагандан сакта.
Аманатка кыянат жасагандан сакта, Ыя, Алла, кооп, коогадан сакта, Оору-сыркоо, балаа-жалаадан сакта. Жетесиз уулдан сакта, Никесиз кыздан сакта. Оомийин!
* * *
Аброй бер, аман сакта, Өрттөн, суудан сакта, Тилсиз жоодон сакта.
Тилишкен чуудан сакта,
Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта,
Жөндөн-жөн келген балаадан сакта.
Балаадан жаман аялдан сакта,
Желиккен жеңилден сакта,
Балаа алып келер теңгеден сакта, Чочуган желинден сакта.
Кетпес кезик келинден сакта,
Дос болуп, кас болгондон сакта,
Арам дүнүйөгө мас болгондон сакта, Кыдыр колдосун, Башыбызга бакыт консун. Оомийин!
* * *
О, касиеттүү Кудурет,
Тилди билбегенден сакта,
Дилди сыйлабагандан сакта,
Кайрымсыз туугандан сакта,
Коогалуу катындан сакта,
Ыймансыз баладан сакта,
Жамандын көзүнөн сакта,
Оозу кандуу бөрүдөн сакта, Тескери батадан сакта, Элди балаадан сакта. Оомийин!
* * *
О, Кудурет, Жараткан,
Башыбызга эсендик бер,
Дөөлөт, бакыт, ынтымак бер,
Жерге жамгыр бер,
Бакырга байлык бер,
Азалуу үйгө шаттык бер,
Карыга сөөлөт бер,
Балага абийир бер,
Кемпирге келбет бер,
Келинге ыйман бер, Жигитке эрдик бер,
Элге береке бер, Ырыскы менен даарый кет, Ушул тилегибизди кабыл эт. Оомийин!
* * *
О, Жараткан,
Айдан аман сакта,
Жылдан эсен сакта,
Жаман ойдон сакта,
Жазакер азгырыктан сакта,
Жабыркаткан оорудан сакта,
Жалаңдаган оорудан сакта,
Жамандын жалаасынан сакта,
Жазатайым жолуңан сакта,
Жашырынган ууруңан сакта,
Жалындаган өртүңөн сакта,
Жанталашкан сууңан сакта,
Улуу жолдо туш келер,
Балаа капсабыңдан сакта,
Душмандын табасынан сакта, Кол жайып бата бердик, Колдосун Кыдыр ата. Оомийин!
* * *
О, Кудай,
Олуя колдо,
Жалгамак сенден,
Жаңылмак бизден, Кимди жалгасаң ошонун арасында, Элди-жерди колдой көр.
Ашка береке, башка дөөлөт бер,
Кең пейил, ырыс бер,
Бала-чакага узак өмүр бер, Жакшыны көп кыл, Жаманды аз кыл. Оомийин!
- * *
Оболу Кудай оңдой көр,
Оң жолуңа жолдой көр,
Адашса жолго сала көр,
Мүдүрүлсө колдоп ала көр,
Кездешсе шайтан кага көр,
Жакшыларга жанаштыр, Жамандардан адаштыр, Жылдыздарга жалгаштыр.
Оомийин!
- * *
Жамгырсыз жаздан сакта,
Жапа чеккен аздан сакта,
Касиетсиз кектен сакта,
Кегин кууган көптөн сакта,
Булуттун аласынан сакта,
Элдин балаасынан сакта,
Дос болуп, кас болгондон сакта, Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта. Оомийин!
- * *
Ээ, Кудайым сакта,
Бакыт бер башка,
Соолук бер жашка,
Бармын деп ташба,
Жокмун деп арыба,
Береке бер,
Ичип-жеген ашка. Оомийин!
- * *
Айлыбыз тынч,
Акылыбыз кенч,
Мал жаныбыз аман,
Байгамбар өзү бараан болсун!
Оокатыбыз тың,
Ден соолугубуз чың, Бала-чакабыз аман, Бир Теңир өзү караан болсун. Оомийин!
- * *
Жексурдун жез чаар көзүнөн сакта,
Кергиштин кесир сөзүнөн сакта,
Жалаакордун көөсүнөн сакта,
Жашырынып жаныңда жүрүп,
Жагалдуу күлүп,
Ашына уу чылаар,
Аягына тузак чалаар,
Аркаңа бычак сунаар, Котур ташы койнунда Желмогуздун өзүнөн сакта! Оомийин!
- * *
Чалгырттын көзүнөн сактасын,
Чалгындуу сөзүнөн сактасын,
Сага аткан уусу кайрылып,
Кайра өзүн каптасын,
Калтылдатып как башын, Каргышында какшасын. Оомийин!
- * *
Йа, Жараткан, заалымдан сакта,
Араны сууткан чагымдан сакта,
Жазды кургаткан загымдан сакта,
Күз кургатпаган жааныңдан сакта,
Жоо кууп алактаган көздөн сакта,
Эрсиз тууп далактаган кыздан сакта,
Жабылуу жайган тордон сакта,
Казылуу жаткан ордон сакта
Өзү эгерим билбеген,
Билген айтса илбеген, Дүйнөңдү түгөткөн дүлөй Кемчонтой кежир шордон сакта. Оомийин!
- * *
Асыл болсоң күндөй бол,
Ааламга жарык нур берген,
Балбан болсоң жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн, Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген. Улукман болсоң желдей бол, Ушунча жанга дем берген.
Оомийин!
- * *
Жерге-Тал суусун бойлодум,
Мен көп эле тойду тойлодум, Ушундай тойдун ичинде, Батамды кантип бербей коёмун:
Улуу тоонун боорунан,
Уулум бир гүлүн терсе экен, Улуулар менен кармашпай, Уулума ыйман берсе экен.
Керме тоонун боорунан,
Келиним гүлүн терсе экен,
Кайнене менен кармашпай, Келинге ыйман берсе экен.
Кырка тоонун боорунан,
Кызым гүлүн терсе экен,
Күйөөсү менен кармашпай, Кызыма ыйман берсе экен.
* * *
Аска тоонун боорунан,
Атабыз аркар атса экен,
Улан-кыз менен урушпай,
Атага урмат айтса экен,
Арчалуу суунун боюнан,
Мен бир гүлүн терсем экен, Абышкам менен бир болуп,
Балдарымдын убайын көрсөм экен,
Жашылдан чапан өңүлү,
Жакшы отурдук көңүлдүү,
Жакшылап бата берели,
Балдарым болсун өмүрлүү,
Кызылдан чапан кыюусу,
Кырка отурдук үй ичи, Кыркалай бата берели, Кыздарым жүрсүн сый ичи.
Оомийин!
- * *
Теңир, Теңир!
Тогуз жалбырактуу ыйык кайың сайдык, Теңир!
Тогуз козу биз сойдук, Теңир!
Жакшылыкты жерге, элге жалга, Теңир!
Жамандыкты жерден, элден качыр, Теңир! Жашообузду оңдо, Теңир!
- * *
Атың жакшы Теңирим,
Мен бир тилек тилейин.
Ак мүйүзү чакмактай,
Тегерек куйрук кочкорду, Малды берсең койду бер. Уул берсең бойлуу бер, Журтка акыл салгыдай, Акылы артык ойлуу бер.
- * *
Ээ Кудайым сакта, Бакыт бер башка, Соолук бер жашка. Бармын деп ташпа, Жокмун деп азба. Береке бер,
Ичип-жеген ашка. Оомийин!
- * *
А Кудайым, берегөр, Элиме көлөкөң бер, Жериме берекең бер. Баяндуу амандык бер, Ашка адалдык бер. Ырыскың ичтен, Абыроюң тыштан болсун.
Өмүрүң узак,
Эмгегиң өнүмдүү болсун.
Не тилесең кабыл болуп, Кудай тилегиңди берсин. Оомийин!
- * *
Кутуң кетпесин, Касың жетпесин. Каргышы өтпөсүн,
Катылган өксөсүн. Катының көппөсүн, Каршың өспөсүн. Кызыңды оозар өппөсүн, Кырк шамы өчпөсүн. Уулуң ууктай Узарып көктөсүн. Зоболоң өйдөлөп Зоокалап Көккө өссүн. Оомийин!
- * *
Атың тулпар Кушуң шумкар болсун. Желең бээлүү болсун, Көчүң төөлүү болсун.
Башың киелүү болсун. Кызың кыяга, Уулуң уяга консун. Сапарың байсал, Жегениң май сал болсун.
Баяндуу болуп,
Бак-дөөлөт конуп, Көңүлүң толсун. Оомийин!
* * *
Ыя, Теңири,
Ушул үйдүн ээсине
Мол кылып аш бер,
Көбөйтүп баш бер,
Узак өмүр жаш бер.
Ансайын ийиктесин
Ич-сыртка бирдей жагып, Аттансын келген коногу Ичпей тоюп. Ыраазылыгы түгөнбөгөн Ыкылас бер. Оомийин!
- * *
Йа, Жараткан! Агайындын акыйынан сакта, Коңшунун кокуйунан сакта. Тулпардын туягына мык каккандан сакта, Жумуруна бузук жук каткандан сакта. Шумкардын канатын кайрыгандан сакта, Жуптууну зарлатып айрыгандан сакта. Атаны көп алдында муңдурган баладан сакта, Энени эл алдында сындырган кыздан сакта. Арканды алган оорудан сакта, Арналуу буюмду алган уурудан сакта. Адепти этпегенден сакта, Ар-намысты тепсегенден сакта. Тилиңди күрмөгөндөн сакта, Дилиңди зилдегенден сакта. Калыпты билбегенден сакта, Калкты тилдегенден сакта. Каргышка кактагандан сакта, Батаны аттагандан сакта! Оомийин!
- * *
Калкың тоосу менен болсун, Кайберен зоосу менен болсун. Өндүрүң малы менен болсун, Өмүрлөшүң ары менен болсун. Балдарың оюну менен болсун, Жаштарың ысык коюну менен болсун.
Чалдарың азил тамашасы менен болсун, Балбаның даңазасы менен болсун. Байбичелер сөөлөтү менен болсун, Байыңар дөөлөтү менен болсун. Устаң көөрү менен болсун,
Чечениң айры тил мөөрү менен болсун. Көсөмүң сүрдүү көзү менен болсун, Гөзөлүң сырдуу назы менен болсун. Ушу айтканым баары
Кудайымдын кулагына чалынсын, Талабың тегиз табылсын! Оомийин!
* * *
Кудай кулум дегейсиң, Маметим үмөтүм дегейсиң. Чалыяр досум дегейсиң, Оозу кандуу бөрүдөн сакта.
Колу кандуу уурудан сакта, Шайтандын шарынан сакта.
Капырдын калабасынан сакта.
Күн күркүрөгөндөн сакта,
Түн түбүрөгөндөн сакта,
Кыйкырган жоодон сакта, Келе деген доодон сакта.
- * *
Ат берсе ала берсин, Томолок баш бала берсин. Эчки берсе теке берсин, Эшиги ачык Меке берсин. Пайгамбар мазарын берсин, Кызырым назарын берсин. Оомийин!
- * *
Жаш баланын күлкүсүн бер, Жан эненин уйкусун бер. Жоомарттын колун бер, Жолдоштун жолун бер.
Кыздын кылыгын бер, Уздун учугун бер.
Суунун тунугун бер, Азоонун арымын бер.
Айлуу түндүн жарыгын бер,
Эгиздүү улагын бер,
Эки айрык шыбагын бер,
Аскар тоонун салкынын бер,
Булбулдун таңкы үнүн бер,
Талаанын жарыктыгын бер, Гүлдүн назиктигин бер.
Деңиздин тереңдигин бер, Кыраандын көрөгөндүгүн бер, Эрдин билегин бер.
Шердин жүрөгүн бер, Түбөлүк ажырабас, Чын ашыктын тилегин бер. Оомийин!
Мерген тилек
Кайберен ата чеберим, Сыйынамын мен сага. Менин жолум кайыптан, Алла Таала буюрган. Күндөп-түндөп көп басам, Буюрбассың айыпка.
Каргашалап жанымды, Тоо-ташыңды тайылтпа.
Куру кол бекер келбейин,
Кайберен аткан айыбыма.
Аркар-кулжа аралаш,
Алдыма тушташ аралаш, Кайберен атам, чеберим,
Ырыскы колго бере көр.
Байгеге тилек
Аа, Кудайым, аксарыбашылым, Ай туягың эр Баабедин колдо.
Арбак жар бол,
Кудай, жер казыгынан сактай көр. Оомийин, алло акбар!
Суу кечкендеги тилек
Агыны катуу дайрадан, Жараткан өзү колдосун. Суу ичинде жетелеп, Илияс пирим жолдошум. Шашылбай солгун кечиргин, Шайтан наадан жоголсун. Жаа пирлерим, шар суудан, Чымын жанды колдосун.
* * *
Агымы катуу дайрадан, Алла Таала колдосун.
Суу кечкенде жетелеп, Сулайман болсун жолдошуң. Шаштыра албай кыйналып, Шайтан шашып оңбосун. Сулаймандан кагажып, Чөлгө качып жоголсун. Оомийин!
«Дамбыр таш» (жаан) тилек
Дамбыр, дамбыр, дамбыр таш,
Дамбыраткан кызыл таш,
Жамгыр жаады күркүрөп, Челек, тулга калдыр таш.
Күн күркүрөп көп жаа,
Жер жарылып чөп чык, Желин айрылып сүт чык. Чебичегим челеңдеп, Челек, челек сүт бер.
Тоо жарылып от чык,
Токтучагым тороңдоп, Торочу, торочу сүт бер.
Байчечекей башбаксын, Арык-торук кой, козу, Көккө тоюп жан баксын. Жыл жаадырып эртелеп, Келишинен кайтпасын.
Жаан тилөө
Күн жаа, күн жаа,
Күндөп-түндөп көп жаа,
Карагай башын кайра жаа,
Арча шагын айра жаа,
Чекенде башын черте жаа,
Чийдин башын ийип жаа,
Төө куйрукка уюп жаа,
Жер жаанга сийип жаа, Төгүп-төгүп куюп жаа.
Ашкана толгон ак болсун, Малга жыргап бак болсун. Береке нуру чачылсын, Пейили элдин ачылсын. Малдын-жандын ырысы, Жаап-жаап турушу. Көксөп жүргөн элдердин, Жамгыр болот ырысы. Оомийин!
Уктардагы тилек
Жаттым жараткан,
Тургузарсың эсен-аман.
Бейиштин түбүндө бир дарак, Жалбырагы гүлдүү барак. Аны жети жолу окуп жаттым, Менден тозок оту ыраак. Жаттым аманат, Ойгото көр саламат. Оомийин!
* * *
Жаттым тынч, Жаздыгым кенч. Тилим куран, Тилегеним ыйман.
Ыя, Жараткан, Уйкумду мамык кыл, Тилегимди анык кыл. Оомийин!
Жаңы айга тилек
Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарасынан,
Жердин кучагынан, Жегилик дан, Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге жемиш,
Жөөгө улоо, Жалкоого мээнет, Жалгызга эркек.
Иштерманга кут,
Ушакчыга уу,
Ак ниетке туз,
Баарыга кайыл заман көрдүм. Айдан аман, Жылдан эсен бололу. Келерки ушул күнгө, Өсүп-өнүп тололу.
Бакырга бар ай бол.
Оомийин!
Келин алган күнкү тилек
Ыя, Жараткан,
Өмүр берсең жайлуу кылып бергин, Дөөлөт берсең сыйлуу кылып бергин. Уул берсең от болсун, Кыз берсең чок болсун. Келин берсең келиштүү болсун, Келечеги өрүштүү болсун.
Аял берсең адептүү болсун, Алыс-жакындын көөнү болсун.
Куда берсең жолдошуңдай болсун, Кудагый берсең сырдашыңдай болсун. Ата-баба жолунан ким ашсын, Кудалык сый миң жылга улашсын. Эки жаштын бактысын бер, Эки жак тең кызыгын көрүшсүн. Оомийин!
Төлгө тилек
Байгамбардын бал төлгө,
Таштанбектин таш төлгө,
Азирети алп төлгө,
Жолдо жолоочуну,
Баскан-турганды көрбөй түш,
Калп айтпа, жакшы түш,
Бешенеси беш түш, Оң колума ооп түш, Он эки таш айтып түш. Оомийин!
«Жай таш» тилек
Кара канын – султаны Ак куу,
Кануу менен туман абыраган ашкан, Каранаттык боз булутту,
Теңирим сенден тиледим.
Аккан булут бери кел, тез кел, Булутум жетип кел.
Аа, аа аракети арайын, Сиздин макини бийнабайын, Каннын журтуш.
Лийсаран, мисаран, тарамун.
Тарнашып, жалылен, шаман мосом, ыякут. Алло акбар!
«Бакшы» тилек
Ой, тоодон бир тоого учкандар,
Ой, жылан бир камчы туткандар, Ой, жандыра суу ичкендер, Ой, Азирети Сулайман пирим.
Ой, дулдул, атам, дөө, пери мейман, Ой, Сулайман аттуу суу чилтен мейман.
Ой, ошол суу башы Сулайман мейман, Ой, Анжиянда ак жылан мейман, Ой, Самарканда нар жылан мейман.
Ой, кабазыр, мудур, каяшар мейман, Ой, султан бир мудур, Ой, башыр мейман.
Ой, кара бир көздүү,
Ой, ширин бир сөздүү, Ой, келте бир ойлуу,
Ой, шына бир тиштүү, Ой, кочкор мүйүздүү, Ой, дөө, пери мейман.
Ой, муз тоодо жатып семирген мейман, Ой, муз тоонун музун кемирген мейман. Ой, томоголуу сарала куштун, Ой, томогосун алып коё кел мейман.
Ой, ак буура келди буркурап, мына ай, Ой, бириңен бириң ыйба кылбагын мейман.
Ой, чоң олуя улук кум мазар,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн,
Ой, Кең-Колду баскан ак буура атан, Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн.
АЛКОО (алкыш)
Бул – элдик ишенимге жарашыктуу иш жасоо, калк талабын канааттандыруу. Каргыштын карама-каршысы. Азамат эрдин эл үчүн күйүп-жанып жашоодо алган сыйы. Элдик адамдарга карата айтылган ийги сөзү. Тактап айтканда, элдин ага арнаган батасы.
Сыйлык – алкыштын бир түрү. Биринин түшүнүгүн бири кайталайт. Ич ара маани-жайын толуктап турат.
Ат алганда, суу куйганда, той бергенде, эшик ачканда, төшөк салганда, иш баштаганда, көчүп конгондо, айт майрамда, кыз узатканда, мал төлдөгөндө, атка мингизгенде, келин көргөндө, жоолук салганда, кийим кийгизгенде, камчыны алып бергенде, жеңишке жеткенде, бардык жакшылык жасаганда ыраазычылыкта алкоо жол догон.
Келин жүгүнгөндө:
Жакшылык көргүн!
Кудай жалгасын!
Ырыс-кешиктүү бол! Кудайым колдосун!
Этегиңден жалгасын!
Теңирим эш берсин!
Тилегиңди берсин!
Акжолтой, ак жүздүү бол!
Жайылуу кара инген бол! Көшөгөң көгөрсүн!
Алганың менен тең кары! Коломтоң өчпөсүн!
Дыйканчылыкта:
Кырманга береке!
Дыйканга береке!
Кырман толсун!
Дыйкан бабам колдосун!
Эгин мол болсун!
Теңирим жолдосун!
Адамкерчиликке:
Ыракмат!
Көп жаша!
Тилегиң берсин!
Тилегиң кабыл болсун!
Өмүрүң узун болсун!
Жамандык көрбөгүн!
Эч нерседен кем болбо!
Дениң сак болсун!
Кудай тилегиң берсин!
Теңир жалгасын!
Чоң киши бол!
Бала-чакаңдын убайын көр!
Бай бол!
Ишиң оңолсун!
Маркадар тап!
Ылайым жакшылык көр!
Эсен бол!
Эсен жүр!
Балалуу болгондо:
Бешик бооң бек болсун!
Өмүрүң узун болсун!
Кыдыр даарысын, бак карасын!
КАРГЫШ
Адамдар бирөөнү жаман көргөндө, же бирөөлөргө жедеп нааразы болгондо суук сөз айтат. Кыргыздардын сөз байлыгына каргыш сөзү бир далай бар экенин тил изилдөөчүлөр билишет.
Кыргыз оозеки чыгармачылыгында каары катуу, сөөккө жеткен кыргыз сөздөр учурайт. Күндөлүк жашоо тиричиликтен келип чыккан каргыш сөздөрүнүн башкаларга жамандык гана каалоо эмес, ошол адамдын тазарып, жакшы ырыс, туура жолго салуусуна жеткире эсте каларлык айтылган маанайда тарбиялык таасири бар.
Каргыш айтканда. Эгерде бирөөнүн отунун уурдап кетсе: «Сөөгүңдү жагып кал», бүрөөнүн тамак-ашын уурдаса: «Таш же, бала-бакыраңдын боорун жеп кал»,бирөөгө колу тийсе: «Мунжу болуп кал» – деп каргашат. Айтор, каргыштын каары катуу. «Тынымсейиттин арбагы турбайбы», «Манастын арбагы урсун», «Бугу-сарыбагыштын арбагына койдум» ж.б. «Арбак ургур», – бул ата-бабалар менен байланышкан каргыш. Теңирдин, жердин кудуретине карата айтылуучу каргыштар да бар: «Теңир урсун!» Бул көк урсун, асман урсун дегендик. Айрым эл-жерге бүлүк салгандарды: «Сазайыңды көр берсин», же «көрүңдө өкүр» – деп коёт.
Дүйнөгө байланыштуу каргыштар да жолугат:
«Кара оозуңа кан толгур,
Кайрымсыз күн болгур, Кул оозуңа кум толгур,
Кубанычсыз күн болгур».
Жолой менен кармашууда кан Кошой ушундай каргышты ичинен кайрыйт.
Күндөлүк жашоо-тиричиликке байланыштуу чыккан каргыштар ар дайым айтылбай койбойт: «Аял албай апаңды ал, катын албай какшап кал».
«Байге жебей, малың же,
Медериңдин канын же,
Жеткен байге доорун же,
Жети атаңдын боорун же». («Манас»)
Демек, каргышка калуу – катуу сөз. «Улуулардын, урматтуулардын, касиеттүүлөрдүн, кайын аталардын каргышы ката кетпейт» деген ишеним бар.
Каргыштын жандырмагы кечирим суроо, бирөөлөргө катуу, эсте калаар ыпылас сөз айтпоо, ак жүрүү, алланын амирин тутуу болуп саналат.
«Ак сүтүм урсун!» Омурткасы сыздап, он ай көтөрүп, толгоо тартып, перзентти жарык дүйнөгө алып чыккан – эне! Эмген сайын уурттары көбүктөнүп, балага балкып ийиген – эне! Өз сүтү менен тотуктурган – эне! Андан ары чоңоёт, чочоёт, катарга кошулат, үйлөнөт.
Мына ушундай ыйык милдеттерин танып, бала энесин жерисе, бакпаса, жакшы карабаса, урса, сөксө, кубалап жиберсе, же өзү дайынсыз тентип кетсе, эне ичтен сыздап күйөт, ыйлайт, каңырыгы түтөйт. Кыскасы, акыркы сөзү: «Ак сүтүм урсун!» – дейт.
«Ак эмгегим урсун!» Бул – атанын каргышы. Ата– үй ээси, бала-чаканын башчысы. Ал аларды багууга милдеткер. Мисал алсак, баланы көтөрөт. Энеси менен кошо толгонот, ойлонот. Баланы сүйөт, энеси менен тең жарыша карашат, тамак берет, ойнотот, уктатат, көтөрөт, атка өңөрөт, арабачада сүйрөйт. Кандай тамак керек, аны камсыз кылат. М.а. «жентек той», «бешик той», «тушоо той», «мүчө той», «туулган күндү белгилөө» сымалдарды уюштурууда атанын табышкердиги артылат. «Атаң барда эл тааны, атаң барда жер тааны» болот. Канаттууга кактырбайт, тумшуктууга чокутпайт. Анткени өз каны, тукуму. Тагыраак айтканда, эл көрөт, жер көрөт, кагылат, согулат, көзү ачылат. Азыр машине алып берүүдө, окутат. Кийбегенди кийгизүүдө, ичпегенди ичирүүдө. Аял алып берүүдө. Анын үлпөттүк каражаттарын, албетте, ата табууда. Үй салып, боз үй көтөрүүдө. Анын энчисин бөлүп берип, өз чабытын өзүнө алдырууда. Анткени менен баары бир ата-эне көзүнүн барында сыртынан көзөмөлдөөдө. Анан баласы «кыраан чыгып» атага наалат, энеге доомат айттырса, атасына колу тийсе, тили тийсе, тынчтык бербесе, мас болуп алып үйдү үч сапырса, ата байкуш чыдап келет. Акыркы чыдамы жетпей: «Ак эмгегим урсун», – деп айтууга мажбур.
«Наным урсун». Нан өтө ыйык, ыйыктардын ыйыгы, нансыз жашоо жок. Нандан адамзат танбайт. Бирөөлөрдү асырайт, багат, чоңойтот. Баккан адамына кайрымы жок болот. Ал го эчтеке эмес, «карабай кетти», «жакшылыкты билбей койду», – деп тим болобуз.
Бирөөнүн колунан тоюнуп алып, кайра ага акаарат айтса, ал адам акырында: «Наным урсун» – деп айтууга аргасыз болот.
Ак кылуу. Бул балага тескери бата берип, балалыктан кечүү. Бул өтө жаман каргыш болгон.
Кыргыз байыркы замандан бери эле баласына адамкерчиликтүү болууга, улууну сыйлоого, кичүүнү урмат кылууга үйрөткөн. Тилазар баланы катуу жазалаган. Атаэнесин сыйлабаган балага тескери бата берип, балалыктан кечкен. Андай балдарды бүткүл эл жек көргөн.
«Тузум урсун». «Тузу ойдогудай татыды», «тузу кем татыган», «тузу оор», «тузу көтөрдү» өңдүү оң жана өтмө мааниде айтылат. Тузсуз тамактын даамы жок. Ошон үчүн туз да, нандай (токочтой) ашык сезилет. Адамдар бирибири менен туздаш-даамдаш болушат. Бир нече жылдары бир жүрүшүүдө бирөөлөр шартына карата даам татыган жерине миң жолу салам берүүчү» парзыбыз. Ошону унутуп калуу, ал макул, эчтеке эмес. Кайра ал адамдын үстүнөн кер сөз, наалат, каяша, какшык кептери кетсе, аны ал адам укса, сөзсүз: «Тузум урсун» – деп айтары бышык.
Ант урсун. Ант – улуу жана ыйык сөз. Кээде ал үчүн бирдеме тиштешет. Анттан тануу – адамкерчиликтен тануу. Ар бир адамдын алдына койгон тилеги, ага карата туруктуулугу бар. Достошууда, эки жар турмуш курууда, ич арада, эл арасында да антташуулар болот. Ант – убада, антташуу – убадага бекем туруу. Антты бузган – убаданы бузган. Албетте, бул – антташуунун бир тарабына жанып кетүүсү, ошондо аргасыздан ич күйдүлүктө бирөөсү акыркы сөзүн: «Ант урсун» – деп баса берет.
«Кудай урсун» (Теңир урсун). Бул – актык үчүн айтылган сөз. Бирөөлөр жана дагы бирөөсүнө доо койсо, бир ишти ошондон көрсө, «ошол эле алды» десе, албагандардын ишендирүү үчүн жеңил-желпи эле: «Алсам, кудай урсун», «Теңир урсун», «Арбак урсун» – деп, ооз учунан айта коюунун зарылдыгы бар. Мындан да бөлөк «куттуу үй урсун», «ачык асман урсун», «көк урсун», «баламдын боор этин жейин», «жакшылык көрбөй калайын» өңдүү каргыштар мусулманчылыкта боло берет…
«Арбак урсун». Оо, о дүйнө тарапка карап кеткен маркумдарга эч ким кине коё албайт. Акаарат айтпообуз тийиш. Алар менен жүйөлөшүүгө ылаажы жок. Арбактар тууралуу сөз козголгондо ошол маркумдун кылган эмгеги, камкордугу тирүүлөр аркылуу баалануулары зарыл. Антпей кайра анын тирүүсүндө пайдасын көрүп алып, ал раматылык бул жарык жана жалган дүйнөдөн кеткенде, жакшылыгын сызып салууга түк болбойт. Кайра маркумду эскерүүбүз керек. Жакшы сапаттарын бала-бакыраларына айтып, көңүлдөрүн жубатып, мүмкүн катар, жардам да берүүлөрү керек. Антпей кайра арбактарга доо кетирсе, билгендер жаны ачыганда: «Сени ошонун арбагы урсун» – дейт.
Кусуру уруу. Бул – каргыштын бир түрү. Кусуру урсун – анын каргышы ошонун башына тийсин дегени. Кусур – адамдын ички жекече өктөмү, дараметтүү касиети, ариети. Айрымдар андайларга атайын доо кетирип, акаарат айтып коюусу. Ошондой шартта ал «кусурум урсун», «кусурум калсын», «жок, тийишкен неме каргышыма калсын», «эгерим этеги эки болбосун», «кор болуп өтсүн, жакшылык көрбөсүн» жана башка катуу наалат кептерге калуусу.
Каргыш ырлары. Ишенимсиз абалга кабылганда, кандайдыр бир кордук көрүп, аны жоюп, жоготууга чама-чаркы жетпегенде сөз күчү менен жексен кылууга бек ишенип, жаратылыштын ээлерине жок кылууга тапшырып, айтылган уйкаштуу «суук сөздөрдүн» тизмектери каргыш ырлары деп аталат.
Каргыш ырлары адамдын жанына, бактына «суук» учур айта турган сөздөрдөн куралгандыктан кишилердин рухуна таасир этүүсү курч болуп, ар кандай адамдын жүрөгүн сестендирет. Каргыш көркөм чыгарма кандайдыр керектүү соорунда курал катары урунулган.
Бир нерседен, калыстыктан кордук көргөн инсанат «көк ташка отуруп, көктү карап туруп» каргыш айтканда, адам жүрөгүнө найза сайылгандай сезишкен. Мындагы эң зор салмак сөз күчүндө болгон. Кыргыздардын мифтик түшүнүгү боюнча жаратылыштагы бардык эле заттардын ээси болот деп түшүнүлгөн да, каргыш сөздөрү мына ошол ээлерге «тапшыруу», ал ээлер «жок кылып» берүүсүн сурануу ыкмада айтылган. Кыргыз эл ооз адабиятында каргыштардын түрдүүчө айтылышы кезигет. Биз төмөндө «Манас» эпосундагы айтылган бир түрүн нуска катары көрсөтөбүз. Демейдеги кездерде айтыла турган каргыштарда ушул эле нускадагы сөздөрдөн куралып, ушул ыкмада айтыларын эскертебиз.
Төшү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көк урсун.
Дайра, чалкар көл урсун, Жайнаган жапан чөл урсун. Жарык кылган түндөрдү, Асманда тийген ай урсун. Жердин бетин жашарткан, Жаан урсун, кар урсун.
Күн чагылып жаркылдап, Көтөргөн кызыл туу урсун. Адамдын жанын татыккан, Кантың урсун, бал урсун. Жайкаган кымыз, чай урсун, Ак буудайдын наны урсун. Жети суунун жери урсун,
Жел жетпеген пери урсун. Коргошундун кени урсун. Темир, болот даты урсун,
Агарган күмүш ал урсун.
Ак кагазда кат урсун,
Сууга бүткөн сал урсун
Олуя деп атанган,
Чоң ополдо чал урсун, Сайып өнгөн бак урсун, Салып чыккан там урсун. Курт-кумурска, бөйөн-чаян, Жан-жаныбар баары урсун. Калың кара көп журттун, Каадасы урсун, салты урсун. Көрүстөндө көп арбак, Оройлору дагы урсун. Улуу жолдун чаңы урсун, Кайберендин пири урсун.
Жогоруда үлгү келтирилген каргыш ырынын түбү кыргыз эл ооз адабиятында жаралган каргыш ырларынын көркөмдүккө көтөрүлгөн үлгүсү эсептелет. Мындан бөлөк түрлөрү, айтылыштары окшобой турган каргыш ырлары да абдан көп. Алар кыргыз эл ооз адабиятында көркөмдүк ыкмага каражат болуп келет.
Айтмак, суук сөздөр менен айтылган каргыш ырлары кыргыз адабиятынын дагы бир өрүштө байып келгенин көрсөтүп турат. Ошого, кыргыз адабияты жөнүндө сөз болгондо каргыш ырларын көмүскөдө коюп кетүүгө болбойт. Төмөндө эл ичинде каргыштын айтылышын сунуштайбыз.
Убалым ататпасын Ак ооз болуп кал.
Кара оозуңа кан толгур.
Оозу аркасына бүтүп калсын,
Жаны кечке жетпесин, Жаныңды жегир,
Кап оозуңа кан толгур,
Кара баскыр,
Арак ичпей атаңдын канын ич,
Каргыш тийсин,
Каргышың кара ташка,
Каргышың кара башыңа көрүнсүн.
Арам байге, Байгеге сайылгыр,
Ырыс-кешигиңди жеп кал,
О, жолуң каткыр! Жолуң катсын,
Сөөгүң сөпөт болгур,
Кан кускур. Сени кусурум урсун.
Кара жерге кир,
Кудай албагыр,
Садага кет,
Кудай аткыр,
Ит жегир,
Жашабагыр,
Тишиңе таш тийгир.
Балаңдын күнүн көрбөй кал,
Сөөгүңдү жагып кал,
Жети күнгө жетпей кал, Өлүгүңдү көрөйүн.
Бооруңа чечектин энеси чыксын,
Аш болбой таш болсун,
Тилиңе жара чыксын,
Кийгениң толорсукка жетпесин,
Туз урсун,
Ант урсун,
Узунуңан өспөй туураңан өс,
Кудай урсун,
Наным урсун,
Кудай учаңан урсун,
Өлүп кал,
Кара оозуңа кан толсун,
Ылайым сени жер соруп кетсин,
Ылайым, өлүгү көмүлбөй талаада калсын,
Эмчегимдин сүтү урсун, Энеңди алып кал,
Кудай эсебиңди тапсын,
Этегиң жерге жетпесин,
Суу кечпей кал,
Каргышың өзүңдүн как карабашыңа көрүнсүн,
Өлүк-тиригиңди көрөйүн,
Өмүрү жакшылык көрбө,
Байгеге сайылып кал,
Өлүгүңө ит сийсин,
Жаның кечке жетпей калсын, Көзүң агып калсын.
Как көзүңөн чыксын.
Кут урсун.
Кудайдын каабына кал,
Таш же, бала-бакыраңдын боорун жеп кал.
Мунжу болуп кал,
Манастын арбагы урсун,
Арбак урсун,
Көрүңдө өкүрүп кал,
Кара оозуңа кан толсун,
Көтүңө кыйма чыксын,
Жашыңда жайрап кал,
Гүлгүнүңдө күбүлүп кал,
Сууга ыргыткан таштай бол,
Караңгыда тараган чачтай бол,
Ак сайдын башын суу жесин,
Ак күйрөк башын төө жесин, Аркада калып кеп айткан, Жата калып уу жесин.
Көк сайдын башын суу жесин,
Көк үйрөк башын төө жесин, Көт жакта калып кеп айткан, Жата калып уу жесин.
Акаарат сөздөр. Адатта, кыргыздардын табиятында сөгүү, карганып-шиленүү, бирөөлөргө акарат айтуу, көңүл калтыруу өлүмдөн да катуу көрүнгөн.
Көр тиричиликтин, күйпүл турмуштун оомалуу-төкмөлүү шарттары кейип-кепчүүлөргө, ачууланууга, күйдүргү сөздү айтууга алып келген. Шумурай сөз айтуунун бир нече түрлөрү билинет. «Томаяк, итке мингир», «жез тырмак» ж. б. у. с. (жалчы, жардыларга айтылган), «Падериңе наалат» (башка элден келгени билинип турат), «атаңды көрү», «атаңдын оозун урбайын», «атаңа наалат», «атажотоң, кубаарың». Кыскасы, мындай каргоолор – ата текке наалат айтуу. Мындан «оозуңду урайын», «оозуңду кытай урсун», «Теңир соккур», «оозуңа топо», «көзүңө топо» (кээде суук нерселерди көрүүмдөн улам), «тек сүзгүр», «ат тепкир», «кудай жаман көргүр», «жубарымбек», «бейбак», «бейтаалай», «ырыскы жок» өңдүүлөр анча деле көңүл калтыруучу сөздөр эмес. Тескерисинче, «куу аш», «туубас» (баласыздар тууралуу), «оозуңа сиейин», «атаңдын көрүнө отурайын», арийне, мындай каргоолор, тилдөөлөр адамдын көңүлүнө доо кетирет. Ачуу сөздөр араларды ачып коёт. Уруш-жаңжал чыгарууга дейре алып барат, күйүп-бышууларына айлана-чөйрөдө болгон укмуштай таасирлер да себепкер.
«Ириген ооздон чириген сөз чыгат», – дейт. «Көрүңдө өкүр», «өлүгүңдү көрөйүн», «жети күнгө жетпей кал», «балаңдын күнүн көрбөй кал», «чечек чыккыр», «бейит болгур», «кулапса чыккыр», «моло болгур», «сөөгүңдү жагып калгыр». Мына ушундай каргап-шилөөлөр аял-эркектердин албууттугунан, тажаалдыгынан, абийирсиздигинен кабар берет. Жакшы атанын баласы, жакшы эненин кызы мындай ирик-чирик сөздөрдөн өзүлөрүн алыс кармайт. Сөгүнүп-сагынуу да шартка жараша аябай өзгөрүлүүдө.
Акаарат сөз. Чечек чыккыр. Бейит болгур. Кулапса чыккыр. Моло болгур. Жубарымбек. Бейбак. Атаңдын озун урайын. Атаңа наалат. Оозуңду урайын. Оозуңду кытай урсун. Көзүңө топо. Кудай жаман көргүр. Энеңди урайын. Көрүңдө өкүр. Ыйманыңды жегир. Ыйманың үйгүр. Учаңдан ургур. Чечек айдагыр. Таш капкыр. Оозуңа таш. Таш ичкир. Тилиңе тибиртке. Байгеге сайылгыр. Үйүң күйгүр. Чабууңдан ургур. Арам какшаал. Чыгымга кеткир. Шайтан алгыр. Шайтан бассын. Ырысың каткыр. Жылас болгур. Жүзү кара. Көзүң аккыр. Кудайдын каарына калгыр. Нымың калбагыр. Атадан айланган иттин баласы. Ок тийгир. Оозуңа келгир. Жылас бол. Кагын алгыр. Курсактан урган акмак. Чымыныңды кагып алармын. Суруңду урайын. Акеңди таанытам. Жети атаңды аанытам. Ташын талкан кылайын. Талпагын ташка жайылтам. Терисин тескери соём. Теңир соккур. Теке сүзгүр. Ат тепкир. Бир өлмөктөн үч өлсүн. Сага кылбасам элеби. Атадан айлангыр. Атанын арбагына койдум. Ырысыңды жегир. Ыскатыңа коюлгур. Эгерим эки болбо. Саат чырмагыр. Мээнет чырмасын. Эзели жакшылык көрбө. Союлгур. Сыйпалгыр. Сыйпалап калгыр. Ата-жотоң кубарың. Оозуңа топо. Көрүңдө өкүргүр. Өтүңдү жарайын. Өрт алгыр. Арам байге. Байгеге сайылгыр. Тукумуң үзүлгүр. Саат баскыр. Сакалың кыркылгыр. Сакалың жулунгур. Сакалың өрттөнгүр. Сакалың күйгөн наадан. Селдеңе чок түшкүр. Алкыштан айлансын. Башыман айлансын. Элден айлансын. Мүрзөдөн айлан. Жаныңды жегир. Кара жанын жесин.
Жеме сөз. Сооп болуптур. Тобосуна бир таянтам го. Сага элеби. Ага чала болот. Көргүлүгүн көрсүн. Азабын тартсын. Ушуну көрмөк. Айтпадым беле. Кулагың дүлөйбү. Көзүң сокурбу. Ушуну кылмак. Оозуң кайда десе кулагын көрсөтөт. Бапыраң кал. Оозуңа таш. Колунан кокон тыйын келбейт. Сербейген ит. Чокуңа. Ушу сага теңби. Мамыраң кал. Сага бирди көрсөтөм. Көкөйүңө тийейин. Карап тур. Иттин баласы. Сени элеби. Жерге кир. Былжыраба. Келжиребе. Көргүлүгүңдү көрдүңбү. Жээриңди жедиңби. Арам байге. Жыргап калдыңбы. Туттуңбу. Тойдуңбу. Төбөңдөн ургур. Сага айтпадым беле. Чала болот. Оозуңду куу чөп менен аарчыба. Богу менен жини кайнасын. Сөөгүңдөгү майды чыгарамын. Бабаңды таанытам. Үйүңдү желкемдин чуңкуру көрсүн. Эбиребей ээгиңди бас. Көргүлүктү көрсүн. Табам бир канды. Ушуну көрмөк. Бул сөзүңдү ит уксун. Ит жегир. Ит жегирдин тамагы. Жаагыңды жап. Чийинден чыккан оңбогур. Оңбогон гана шум чечек. Сага бир сыр көрсөтөм. О, шүмүрөйгөн шүмшүк. Кара жерге кир. Итирейген акмак. Сага эле кылбасам. Ырысыңды жебей жүр. Жашабагыр.
Каргануу. Кудай каргап, арбак соруп, ак нан урсун. Калп айтсам өлүп кетейин. Алдыңа барып өлүп берейин. Сакалым өрттөнсүн. Жерге кирейин. Желкемди көрбөй калайын. Көзүм сокур болсун. Жинди болоюн. Туз урсун. Өлүп кетейин. Арбак урсун. Чачым өрттөнсүн. Кыркылып калсын сакалым. Эртеңки күндү көрбөй калайын. Кудай урсун. Теңир урсун. Таңды көрбөй калайын. Баламдын күнүн көрбөй калайын. Эгерим эки болбоюн. Оозум жырылсын. Сөөгүм сөпөт болсун. Ант урсун. Кут урсун. Кара оозума кан толсун. Жерге кирейин. Кер эшегиң болоюн. Колум сынсын.
АНТ
Байыркы жоокерчилик заманда, орто кылым доорунда ант деген кыргыздарга оозеки чыгарылган мыйзамбүтүм, сөзсүз аткарар чечим болгон. Антты бузгандар катуу жазаланган. Ант жашоо тиричиликтин түркүн күндөрүндө, ар кандай учурда, шартка жараша чыгарылган.
Антташуунун жосуну, сөздөрү, түрлөрү ар түрдүү болгон: достошкондо өзүнчө, жоокерчиликте өзүнчө, топ алдындагы күнөөсүн кечирүүдө өзүнчө, эл алдында милдет алганда өзүнчө, жаштардын мамилесинде өзүнчө, салтанаттарда өзүнчө, баатырлардыкы өзүнчө болгон. Ант берүү менен бүтпөстөн, анын туруктуулугун сактоодогу парыз-наркы өзгөчө жүргөн.
Антташуунун түрлөрү. Ок тиштешкен. Шилекей алышкан. Чыпалактын канын сорушкан же чыпалак кайчылаштырган. Көк чыбык кыркышкан. Кара койду мууздап, анын жылуу канына беш манжаларын матырышкан. Ак нан тиштешкен. Туз жалашкан. Кылыч өбүшкөн. Мүрзөнү тегеренген. Суу жутуп, ата-бабанын арбагын айтып карганган. Касам ичкен.
Кучакташуу. Достор ортодо жолго төшөлгөн кездемеден (баяндоостон) басып, алдыга жайылган ак кийизге келип, кучакташып көрүшөт. «Бул кыямат-кайыңда ажырашпай ак жүрүп, тирүүлүктө бир дөңдө, өлсөк бир чуңкурда бололу, сүттүүдөн сүрөгүмдү, атандан лөгүмдү, тубардан туу бээмди, тукурдан атымды, аксарбашылдан коюмду аябасмын» дешкен илгеркилер.
Чыбык кыркып элдешүү бул – араздашкан эки элди элдештирүүнүн дагы бир салты. Баатырлар, журт башчылары биригүүдө шарт коюшуп, бири-бирине элчи жиберишип, бир нерсенин бетине чийинин чийишип, жарашып, непада бул шартты бузсак, «чыбыктай кыркылып калалы» деп, чыбыкты тепетең кыркып, бир жагын элчиге берип, бир жагын өзүнө калтырган.
Жылуу канга кол матыруу. Адегенде кара койду мууздап, жылуу канына эки тарап тең колдорун матырып: «Кимде ким айтылган анттан кайтса, ушул кара койдой мууздалып калалы» дегендей ишаратта каргышты айтышкан.
Кээ бир мезгилдерде кыргыздар ак боз бээ союп да антташкан. Ошондой эле тузга аттоо, тузга сийүү, шилекей алышуу, чыпалактан кан чыгарып соруу, кылычтын мизин жалап антташуу нарк-насили өткөрүлгөн.
Жан берүү. Кээде күнөөкөр эместигин көрсөтүү үчүн же болбосо бирөөгө кепилдикке жүргөндөгү чындыгы аныкташка сөз менен: «Непада калп айтсам, жанымды берейин!» – деп ант берген. Кыргыздарда баланы өтө жакшы көргөндүгүн ушундан билсе болор: «балаңдын жанын бер десе, макул болбой, өз жанын кыйганга барган». Башка бирөөнүн ордуна шерт бергендик айтылат.
Касам ичүү – убададан тайбоо, ич ара антташуу. Касам – даам, демек, аны татуу аркылуу (жарма, айран, сүт, бозо ж.б.) ооз тийүү же жутуп жиберүүсү менен шерттешүүгө моюн сунуусу. Айрым аймактарда касам бир нече даамдардын кошундусу. Ошону ичүү менен айтылган сөзгө, берген убадасынын аягына чейин туруусу. «Касам ичкен – ал айныбас, бурулбас болуп калган» деген адилеттүүлүктү түшүндүрөт. Адамдардын туруктуулугун кармоодо актык үчүн туз жалаткан, нан тиштеткен, кара койдун канына колдорун матырган, кылычты өптүргөн, мүрзө тегереткен, суу жуткузган, маркумдардын арбагын айтып каргандырган, сыйынткан. Ак боз бээ союп антташкан, колун кесип кандарын бири-бирине жалаткан. Эл алдына чөгөлөткөн.
Көк чырпык кыркуу. Эгерде эки адам да бири-бири менен убадалашса, өсүп жаткан жаңы чырпык талды кыркып туруп чырпыкты ортосунан кесип таштайт. Мына муну улуу жумуш же жоромолго таан деп, аны «анты же касамы болуп бири-бирибизге кас күмөндүк иштесек – ушул чырпыктай кыркылып куурашып кетели» деген анты болгон.
Ант ырлары. Ант ыры бир нерсеге ишеним берүү максатында айтылган болуп, ошол ишенимди кетирсе, айтканын аткара албаса, жаратылыштагы сыйкыр күчтөр өзүн урсун, жексен кылсын деген мазмунда айтылат. Каргыш менен анттын чоң айырмасы каргыш бирөөгө карата айтылат (кээде өзү карганып да калат), ант суук сөздөрү өзүнө карата айтылат да, ант сөздөрдүн касиетине бек ишенилип, аны актоонун аракетинде болот. Актай албаса «ант урат».
Кыргыздарда ант ыры айтылганда, ага коштоп кырк жибек кыюу, кан чыгаруу, нанга, тузга күбөлөп туруп айтуу ырымдары иштелип, ант ырына сүр киргизилген. Ант ыры айтылуу ажатына карай түрдүүчө чыгарылган, варианттары абдан көп, бирок айтылуу ыкмасы, колдонгон сөздөрү төмөнкү нускада болгон (каргыш ырына окшоп, анын айырмасы «мен» болуп айтылат).
Анттан тайсаң,
Төбөсү ачык көк урсун,
Төшү түктүү жер урсун, Суу бүтпөгөн чөл урсун, Толкуган дайра көл урсун.
Анттан жансаң эгерде, Ак буудайдын наны урсун, Эненин аппак сүтү урсун!
МАКАЛ-ЛАКАПТАРДЫН МААНИ-ЖАЙЫ
Ар бир элдин макал-лакаптары бар. Алмаздай курч, мааниси терең, тарбиялык жагы, бул – турмуш чындыгы. Каада-салттан, үрп-адаттан, ырым-жырымдан, эм-домдон келип чыгат. Мазмуну менен формасы жагынан бирин бири толуктап, чулу айтылышы аркылуу ташка тамга баскандай дидактикалык тактыгы, төптүктү туюндуруп турат. Макалдаштырып-лакапташтырып, чечендетип айтуу менен ой түрмөктөрү жеткиликтүү берилет.
Илгерки кыргыздардын он миңге чукул макалы, акыл байлыгы бар деп суктанышат изилдөөчүлөр. Кыргыздардын жазмасы болгонго чейин улуулардын макалдары улам кийинкилерге акыл-насаатчысы, рухий куту, жашоо эрежеси болуп келген.
Бүгүнкү окурманга кыргыз макал-лакаптарынын маани-маңызын ачып, түшүндүрмөсү менен сунуш кылсак, балким, дүйнө таанымына, жашоо-тиричилигине пайдасы гана тиер.
«Кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкү тең орток». Адатта, бул – жашоодогу терс көрүнүштөрдүн бирин өтмө мааниде адамдарга карата айтуу. Т. а., сөздүн төркүнү сараңдык менен марттык тууралуу баратат. Кузгун сараң, сук. Анын колунан элге эчтеке чыкпайт. Катып, өзү үчүн… Ошондуктан: «Кузгундуку куу жыгачтын башында» – дейт. «Куу жыгач» – өтө зыкым бирөөлөр колго тийгизе ала албайт дегенди символдоштурат. «Бөрүнүкү тең орток» – жайыл дасторкон, келбери, эчтекесин аябайт, берешен, бейпил, меймандос сымал түшүнүктү берет.
«Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт». Оң мааниде, албетте, тиши чыккан бала өзү катуу тамакты чайнап жейт. Өтмө мааниде алганда, акыл-эси бар адам айтканды билүүсү, сезүүсү, туюусу керек. Кайра-кайра айттырбай жасоосу, бүтүрүп, көңүлдү тындырып коюусу өңдүү түшүнүк жатат. Деле тиши чыккан бала чайнатпай тамак жеген сымал дээринде барлар ар ишти айттырбай аткаруусу абзел… Сөз төркүнү ушул тарапка такалат.
«Ажырашаар дос ээрдин арткы кашын сурайт». Түз мааниде түшүнгөндө ээрдин алдында бир гана кашы болот. Ал «бүркүт томого», «уй туяк», «куш баш» өңдүү түрлөргө бөлүнөт. Ээрдин арткы чарасында андай сыпатталуучу каштар болбойт.
Туура, кыз-келиндердин (ургаачылардын) ээрлеринин алды-арты ыңырчак сымал чарасыз бирдей чабылат. Муну өтмө мааниде түшүнөбүз, «Дос таарынса, бергенин алат» болуп, жок нерсеге тогоп, досчулуктан биринен бири таптакыр кечип жатышкан учурду туюнтуп турат.
«Ат оонаган жерде түк калат». Сөз төркүнү «Аркалуудан оонабас, азуулуудан кепшебес» деген макал бар. Азуулуудан төө, уй, топоз, кой, эчки кепшейт. Аркалуудан оонабайт. Азуулуудан кепшебес жылкы. Жылкы жаныбар оонаса, сергий түшөт дейт. Ошондо оонаган жеринде түгү жабышып калат. Өтмө мааниде айтканда «түк калат», мисалы, мал сойгон орунда бирдеме ташталат. Чыпчыргасын коротпой жүктөп кетпейт. Бышырып жешке кол кесер, ичеги-карындан, арка-моюндан, кызыл басканда кырманда кырман түп калат. Кууруп жейт, тартып алат. Уста узанса темир-тезектердин сыныктары артат. Алардан ылайыкталып, буюм-кече жасалат. Кой кыркында, эчки, топоз кылтактоодо, төө тоноодо, жылкынын жалкуйругун кыркууда ошол өнөктүккө катышкандар куру кол кайтпайт.
Сыпайкерчиликте «Ат оонаган жерде түк калат» деп кыргызда салттуулукту, нарктуулукту жасашат.
«Суудан кургак чыгуу». Адатта, түз мааниде түшүндүргөндө сууга чөмүлгөн, суудан кечкен, сууга түшкөн адамбы, айбанбы ж.б. нерселер сөзсүз суу болору, кийимчендерге, жүктүүлөргө, ээр-токумдууларга, дене-бойлорго суу жугары белгилүү. Ал эми өтмө мааниде алганда, бул макалдын мааниси ашынган шылуундарга, абдан айлакерлерге, баарынан да бирөөлөр аркылуу дагы бирөөлөргө саласал кылуу жүрүш-турушу менен көпчүлүккө көрүнүп калуучуларга багышталат. Мындайларды кээде «суу жукпас» деп да коюшат.
«Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт». Сөздүн өз маанисинде туюндурганда эки эмес, он кочкордун башы бир казанга боркулдап кайнап бышат дечи. Өтмө маанисин тушүндүргөндө:
Биринчиден, куш төрөсү буудайык дейли, ал башка жаныбарлардын өзүндөй барктууларына канчалык каршы болсо да катылбайт. Ал сокур сезиминде өзүндөй көрөт, эрдигин баалайт. Бири-бирин алыша албашы ыктымал. Мисалы, эки берендин жумурткасы бир уяда да басыла албашы мүмкүн;
Экинчиден, бул макал мансапка байланышат. Жетекчи болгондор бир орунда быгыша албашы, биринен бири кыйын сезиши, ошентип, талаша текөөрдөшүп, иштеше албашы да абзел… Макал ушуну түшүндүрөт.
«Коюндан төгүлсө кончко». Бул – ич ара катыштардын улам барган сайын тереңдеп, ырыс-ынтымак тарапка оошу. Мисалы, мурун куда-сөөктөр жол-жоболорун жазбоо үчүн кийинки муундарын ого бетер жакындатуу, кайрадан бата жаңыртуу, достор балдарын, жээндерин, бөлөлөрүн ортолору ачылып калбоого, аларды да достоштуруу, кол кармаштыруу, кыскасы, таттуу жашоолорун мындан ары да улоолору…
«Эки айылды эриктирбей, бир айылды бириктирбей». Сөз мааниси абалы чатак тууралуу айтылат. Эки айылды эриктирбегени – эр-зайыптардын ушак-айың жеткирүүсү. Биринен сала бирине дембе-дем каттап туруусу. Жаңы көргөнүн, укканын дароо айтуусу, ал жаңылык катары туюлуусу. «Бир айылды бириктирбөөсү» – ич ара ошонун чагымчылдыгы, уруш-талашка жакындыгы. Кыргыздар: «Ушак ууктурат, чагым өлтүрөт, куйту жеткирет» – дейт. Бул – бирөөнү жамандоо, экинчисин көтөрө чалуусу, ортодо от жагуусу.
«Ат аягынан, эр тамагынан». Тоолуктар үчүн жылкы баласы баарыдан мурда мингич катары да, азык-түлүк катары да жогору бааланат. Ушундан улам макал-лакаптарда ат менен адам өтмө мааниде бир сыпатталат. Ага мисалдар арбын. «Ат аягынан басынат, эр тамагынан басынат» дегенде сүйлөм баяндоочу кыскартыла түшкөн. «Күлүк аягынан, адам тамагынан» – деп да айтылат. Адатта, көп чабылат. Туштугунда нечен байгелерге татыйт. Табынан тайса «бутуна жем түштү», «туягына бирдеме чыкты», «туягы жарылды», «бутун басып алды» ж.б. себептер аркылуу учурдагы чабыштардан өксүп калат. Ал эми эр жигиттерден бирөөлөрдүн маңдай терин, таман акысын талашса, тартып алса, коомдук мүлккө колун матырса, дасторконго отурганда ашка бөтөнчө сугалак болсо, албетте, «эр тамагынан» дейбиз. Мындан «сук» атанып, укум-тукумга доо кетирип алат.
«Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба» (биттин өчүн сиркеден алба). Ачарчылык, жокчулук жылдары адамзат азат. Андайда согуш болот. Калкты котур каптайт, кургакчылык келет. Жети тозок бир болот. Бит басат. От жакканда, көйнөктү отко кайсап алса «бытыр-бытыр» үн чыгат. Макал ошондой шарттан алынган. Демек, «бир болбогон ишке таарынып, көңүлдү кайт кылып, өзүңдүн ар-намысыңды кетирбе. Эси жок акмактарга, акылы тайкыларга бел алдырба, өзүң уят болуп, аны менен өчөшүп, улуу-кичүүлөрдүн алдында сынып калба» деген сымал ойду туюндурат.
«Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барсаң бытпылдык». Бөдөнө – адал канаттуу. Этин укмуштай баалашат. Ал дайыма «бытпылдык» деп сайрайт. Муну ошол үнүнө карата айрым элдер торго асырашат. Төтөн, мындайга өзбек эли маш келет. Чайканаларда отурушуп, «бытпылдык» деген үнүнөн ыракат алышат. Макалдын мааниси айрым адамдарда бар. Үйү-жайы жок, аш-тойлорбу же айыл аралайбы, жер безип, эптеп бир оокат кылып жүрүүчүлөр бар. Макал өтмө маанисинде ошолорго карата айтылат.
«Ары жок тооктун түшүнө актаган таруу кириптир». Мында сөз төркүнү тоок эмес, жатып ичээр жалкоо адам тууралуу баратат. Эч эмгектенбей, эчтеке таппай, куру кыял аркылуу ойду-тоону ойлонгондордун кейипкерин тоок аркылуу берип отурат. Мунун маанилеши катары «Сарт санаасы менен байыйт» дегенди айтса болот.
«Эчки тууй албай жатып, койго арачы болот». Бул – өз ишин аткара албай отуруп, бирөөлөрдүн аракеттерине киришүү. «Муну мындай эле кылып койбойлубу», «тигини тигиндей эле жасап салбайлыбы». Ушул өңдүү ооз көптүрмө кептерди айтып, өзүнүн колунан кокон тыйындык, сары тыйындык, чака тыйындык иш келбөөчүлөрдөн улам чыккан макал.
«Таш койгон ташын алат, кыш койгон кышын алат». Мында сөз ич ара катыштарды эске салат. Куда-сөөктөр, тууган-уруктар, дос-тамырлар арадан жамандык-жакшылыктарда кошумча кошушат. Ар биринин алып келгени эсепке алынып, эсте турат. Анткени кийин ага кайра эмне алып баруубузга бул тактык, төптүк болот. «Ал мага муну алып келген», «Куру кол эле келген», «Айтып келип, бербей койгон», «Тиги кудам жылкы жетелеп келген», «Ал досум кой сойгон». Мындай эсептөөлөрдөн соң ошого карата катыш жасап, эмне алса, ошону берүүсү, минтип макалга айланып кеткен.
«Шодокондун бүркүтүндөй жутунуп». Бул – ач көз адамдын кейипкерин берүү. Болжолдо, Шодокон аттуу мүнүшкөр болсо керек. Анын бүркүтү кыраан чыккан го. Өтмө мааниде алганда, ал уламышка айланган. Бүркүт эки түлкүнү эки колуна чеңгелдеп, бирөөнү оозуна тиштеп баратса, бир түлкү качыптыр да. Аны алуучу жери жок, эки көзүн кымыңдатыптыр… Лакаптын төркүнү адам дүйнөгө тойбойт, кара топуракка гана тоёт. Адам пендеси тирүүчүлүктө, ушинтип, тытына берет. Алдым, жуттум, ач көздүк, сугалактык, бул жашоодо боло берээри көрүнүп турат.
«Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат». Бул тууганчылыкка, жердешчиликке, элдешчиликке айтыла турган түшүнүк. «Учу бирге жазылат», демек, мамилеси, катышы барлар эртедир-кечтир аста-секин ажырашып кетүүлөрү ыктымал. «Түбү бирге кошулат», мында «тууган-уруктар баары бир эртедир-кечтир табышат» деген ойду туюндурат.
«Эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот». Эне көргөн буюм-тайым кармаса ал – уз, ата көргөн нуска жасаса аны уста деп коёт. Экөө биригип «чебер» аталат, т.а., «тон бычат» дегени эне таалими менен кыз бычмачы-тикмечи болот. «Ок жонот» дегени, бала ата өнөрү аркылуу уста аталып, мылтык согот, ак бараң сайлайт дегени.
«Кеңешип кескен бармак оорубайт». Мында сөз акылдашуу тууралуу баратат, б.а., минтип отуруп чечкен кепкеңеш бышык келет. Нап берет. Ага эч ким нааразы эмес. Баары ыраазы, калыстыкты көздөйт дегенди билдирет.
«Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт». Кайын ага– келиндин эринин агалары. «Калтайбаса» – уялбаса, улуулук кайын агалык сыпат, абийирди сактабаса деген мааниде. «Келтейбейт» – ал антип жаткан соң, келини эмнеден уялмак эле, ага карата мамиле кылуу. Ушундан улам ич ара сыр ачуулар, кеп айтуулар, ортодон махабат мамилелери тутанып кетүүлөр да пайда болот.
«Жаман да болсо, өз улагыңды теке сал». Уюткулуу Кыргыз атанын тукумдары үй малдарын боор эти менен тең көрөрү белгилүүдүр. Бештүлүк – төө, жылкы, уй, кой, эчки. Анын бирөө эчки тукуму (Чычаң ата). Мунун эркек улагы бир-бир айдан соң биттелет да, ылайыктуусун теке кылып калтырат. Ал алты айлыгында куутка жарап калат да, ургаачы улак – чебич чагында тууп коюу га мүмкүнчүлүк алат.
«Жаман да болсо, өз улагыңды теке сал» – бул өтмө мааниде адамга карата айтылууда. Демек, «кызматка өз ага-туугандарыңан, жерге-жээктериңен, куда-сөөктөрүңөн, таяке-тайыңдарыңан, кайын-журтуңан танда. Алар сени кыйбайт. Баркыңды, бааңды көтөрөт. Тирек болот, жакшылыгыңды чыгарат. Жамандыгыңды жашырат. Бири-бириңерди колдошосуңар» дегени.
«Бөрү баласы ит болбойт». Акыйкатта бөрүнүн (карышкыр), иттин, түлкүнүн тукуму бир. Макал боюнча түшүнгөндө бөрү баласы негизи бакмага кирбейт. Бирок өтмө мааниде алганда, бөрүнү – жегич адамга, итти – момунга салыштырабыз. Жеринен жегич адамды эч качан оңоого, кекиртегин тыюуга болбойт. Өз-өз, өгөй-өгөй, негизин коё бербейт деген түшүнүктү берип турат.
«Кайда барба, Мамайдын көрү». Бул эң эски макалдардан. Мында оор турмуштун запкысы тууралуу сөз болууда. Сыягы, улуулардын божомолдоолорунда Мамайдын бейитинин оозу ачылып калуусунан улам ушундай түшүнүк келип чыгуусу тийиш. «Кайда барсаң жокчулук, кедейлик-кембагалдык сени күтүп турат». «Эмгектен качсаң дөңгөккө», «Эмгектүү кулда чарчоо жок» сымал макалдар буга үндөшүп турат.
«Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң». Бул «Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот» дегенге маанилеш. Ар убак ак эмгек кылсаң, анын үзүрүн сөзсүз көрөсүң. Андай маңдай тер сени сөзсүз эрезеге жеткирет. Мээнеттен – эмгектенүү, анын алгылыктуу үзүрүн көрбөй койбойсуң өңдүү далилдүү чындыкка барып такалат. «Эмгек эрезеге жеткирет». Булар – бири-бирине маа нилеш.
«Жандай салып бастырса, жакшы атка жол жокпу». Түз мааниде айтканда макал түшүнүктүү. Шайдоот аттар көп атчандар менен бастырганда өз ордун, жолун таап жүрөт. Аттар да жол талашат. Ич ара алар да орун бошотот. Анткени аксакал аттардын даңканы бири-бирине билинип турат. Айбааты, шаңы болот. Ошон үчүн сокур сезимдери менен сезишет.
Бирок бул макалдын сөз төркүнү башкача чалып турат. Эр жигит эпкиндүү, жагымдуу иш кылса, күч-аракеттери айкын, асыл максаттар айкалышса, андайларды эли-журту өзүлөрү эле барктап-бапестеп, тарбиялап-таалимдеп алат өңдүү астейдил түшүнүктү берет.
«Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдо». Үй-бүлө ээси – эр. Алар азаматтар, жигиттер. Өз аты даана бөрү. Аны карышкыр деп да коёт. Ал койго тийгенде жүзүн, онун тамактап, «бир кумардан чыгат». Бирөөн гана ошол жерден жейт, же бөктөрүп баса берет. Ошон үчүн «оозуң карышкыр» деген каргоодон улам карышкыр аталган дешет. Демек, «эр жигит ара жолдо, ай-талаада ачка болбойт. Кандай да болсо өз азыгын өзү табат». Айыл аралаган күндө анын айлакерлиги, элпектиги, батымдуулугу, шайыр-шаңдуулугу, кадыр-баркы, күжүрмөндүгү бир чети билинип турат. Андайды ким да болсо сыйлагысы, конок кылгысы, аттан түшүргүсү, кыскасы, эр жигитти урматтагысы келээри бышык. Бөрү ара жолдон тарп жейт. Мал, айбанаттарга кол салат. Анын ырыскысы да азбы-көппү табылып турат. Макал ошол мааниде да айтылып турат.
«Бөрү (ууру) тойгончо жеп, өлгөнчө карганат». Мында макал өтмө мааниде айтылган. Бөрүгө жегич адам салыштырылган. Т.а., айрым алкымы бузуктар коомдук мүлктү же бирөөлөрдүн ак эмгегин, таман акы, маңдай терин талап алат. Анан «Төө көрдүңбү?» – «Мыёо», «Кой көрдүңбү» – «Мыёо» болуучулар. Аларын алып, жуларын жулуп, болору болуп, боёосу канып, бирок аларын танып, касам ичип, нан тиштеп, тузга сийип, баса берүүчүлөр.
«Көлөкөгө тон бычып». Бул – жок нерсени бардай көрүү, б.а., ошол тууралуу кур кыялдануу, аткарыла элек, ойдо жүргөндү аткарып атам – деп, өзүнө өзү калпыс сүйлөө. Мисалы, «тондук тери жок туруп, тон кием» деш, «аты жок туруп, ат минем» деш. Демек, ага ээр-токум камдаш керек. Таптакыр жокту бардай түшүнүүсү.
«Күн тийген жердин чоросу». Бул – кошоматчы адамдарга карата айтылуучу сөз. Т.а., «Күн тийген жер» – дөөлөттүүлөр, мансаптуулар, улуктар. Ошолорго жаккан шылуун, кошоматка кой союучу «чоролор» же ошолордун ырын ырдаган, чоорун тарткан эки жүздүүлөр, «бет пардасы» жоктор. Мында, чорону алардын жигити, камчы чабуучусу сымалы түшүнүү керек.
«Ал – күн карама». Мында да кошоматчылык тууралуу сөз барат. «Күн карама» – маданий өсүмдүк. Ал эртеден-кечке дейре күн жылган сайын ошону карап жы лып, өсүп турат. Демек, күн караманы улук, улук мансапкор десек, ошонун тилин алганды өтмө мааниде, «Күн караманы караган күн карама» деген түшүнүктү берет. Мунун тескериси – жер карама, жоош, жүүнү бош, эчтекеге эби жок өңдүү мүнөздөмө айтылат.
«Таш түшкөн жеринде оор». Мында да адамдардын тагдыры тууралуу сөз жүрөт. Аттанып түшкөн жериң ушул, эми маңдайдагы жазууну көрөсүң, көрүп турмушка моюн сунасың дегени. Бул негизи кыз балага карата айтылат. «Босогону аттап кирдиң. Мындан аркы жашооң жакшыбы, жаманбы, болору болду. Төркүнүңдүн эшигин кайра аттаба, эрден чыккан кыз аталба» дегенден «Таш түшкөн жеринде оор» өтмө мааниде табышмактана айтылганы.
«Токол эчки мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр». Сөз мааниси адамдардын нысап-бычагына барып такалат. Бирдемеге топук кылбай, дагы болсо, боло берсе өңдүү ниеттегилердин акыры бир иштерге кириптер болуусу. «Токол эчки кудайдан төрт мүйүз сурайт. Бул төрттү бербесе да, экини берет деген үмүтү. Кээде сыңар мүйүз да бербей коёт. Ал тилеги орундалбай, мурунку жакшы жүрүшүнөн ажырап калат. Т.а., мурунку чанганына кийин жетпей да калат. Мунун тескерисинчеси: «Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту». Бир нерсеге жетем деп, колдогусунан куру жалак калса: «Уйдан жок же уй байлаган жиптен жок» дейбиз.
«Сынчынын сыңар өтүгү майрык». Бул – адамдын бири-бирине тыңсынуусу. Адатта, сынчы бирөөлөрдүн жүрүш-турушун, чыгармаларын, «ичип-жеп», деле укмуштай кыйын сындай алат. Ал да жазуучу, бирок өзү анчалык чыгарма жаза албайт. «Мындай жазыш керек», «тигиндей жүрүш тийиш»… Бирөөлөргө кыйын көрүнгөнү менен өзүнчө андай ишти аткара албайт. Мунун жандырмагы: «Өз башыңда төөнү көрбөй, киши башындагы чөптү көрөт», – деп айтабыз.
«Өтөгөндүн териси өзү жатып ий болбойт». Мааниси мындай: Өтөгөн деген адам – кайыш ийлөөнүн чебери. Ал чылгый терини дароо алып, ошол замат челдеп, дароо талкууга коюп, эртеси күндөрү кайышты (малмага салбай эле, чылгый бойдон ийлеген кайыш) даяр кылган. Т.а., сөз кайыш жаратуунун ыкмасын кылдат билген адам тууралуу айтылып жатат.
«Алыс жерге куда болсоң, арткы жактан аш келээр, жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сөз келээр». Кыргызда «Ачууну таттуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз» дешет. Улам куда-сөөк айылдан алыстаган сайын барып-келиши барктуу-нарктуу көрүнөт. Төркүн-төсүнө, куда-сөөгүнө атайын камынып келип түшүп, көптөн бери көрүшпөгөндүктөн, аттан сыйлуу алышат. Мал союлат, келгени билинет. Ошого карата төркүндөрү кызга, кудасөөккө конок камын көрүшөт. Куржун-кечесине жараша кайра аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жакын жерде кирди-чыктылар арбын болот. Эртели-кеч чай ичилет. Ич ара ал-абал билинип турат. Жакшылыкжамандыктарын тең көрүшөт. Шарттуулукту сакташат. Деген менен «төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт» дегендей, болгон кыймыл-аракет көрүнүп-билинет. Кудалардын, бүлөлөрдүн, «минтип койду, тигинтип койду» сымал шыбыр-күбүрлөр чыгат, аңдышып калат. Ал төркүнгө, кудаларга бат жетет. Ар ким өз билгениндей күдүк ойлорго малынат. Демек, бара-бара ушакка чалдыгат.
«Олтурган кыз орунун табат». Мунун экинчи мааниси– «Таш түшкөн жеринде оор». Сөз күйөөгө чыккан кыздын ошол барган жеринде биротоло бүлө болуп калышы, орун-очок алышы тууралуу болуп жатат. Төрөп түшүп, ак этек басып, жабуулуу кара инген аталышы – кайын журту үчүн да, төркүндөрү үчүн да абийирге эгедер. Кыздын төркүнүнө чыгып келиши, чыгыштык кылышы, эрден эрге тийиши, желпинип жүрүшү, ата-энеге аброй алып келбейт. Жер каратып коёт.
«Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөнө бергис бирөө бар». Мында, абалы өгөө менен бүлөөнү түшүнүп алалы. Экөө тең темирди курчута турган буюмдар, аспап-куралдар. Өгөө бүлөөгө караганда быдырлуу келет, өзү темирден турат. Кургак курчутат. Темирден жалын чыгарат.
Бүлөө таштан чыгат да, маки, бычак, керки, балта өңдүүлөрдү курчутууда суулап алат да, миздүүлөрдү ойдогудай жалаңдатып таштайт.
Биринчиден, «Экөөнө бергис бирөө бар». Бул сапатты билдирет. Биринчиден, эр жигитке карата айтылат. Ал жалгыз өзү эле экиге татыйт дегени.
Экинчиден, «Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар» сымал макалды кайталоо.
«Өгүз болгуча торпок пейили калбаптыр». Өтмө мааниде өгүз – токтолгон адам, торпок – тестиер бала. Салыштырмалуу айтканда, «ушул жашка келгиче, бала кыял, мүнөз, пейили өзгөрүлбөптүр. Эр катары токтолбоптур» сымал түшүнүктү сыяпаттап турат.
«Тышка чыксам, койчулар кементай жабышат, үйгө келсем кадырым жок». Ушуга үндөш «Эл ичинде кел Байтак, өз үйүмдө кем Байтак» деген кеп бар. Үйгө келгенде аялы: «Үйгө-жайга, бала-чакага карабай кайда жүрөсүң? – деп жемелегенде: «Атаң көрү, ай! Эл ичинде кел Байтак, өз үйүмдө кем Байтакмын!» – деп, үшкүрүнүп отура калуучу экен. Тигил макал так ушуга маанилеш.
«Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт». Абалтан калган сөз төркүнү, айрыкча, мында тууган бир атанын балдары тууралуу, жети атасына чейинкилер, кыз алышпаган туугандар айтылат. «Бар болсо асырай албайт» дегени ич ара ыйкы-тыйкылык, нааразылык, араздашуу, ич күптүлүк, атаандашуу, таарынуу, ж.б. жүрбөй койбойт. Минтүү пендечилик.
Биринчиден, жекече турмуштун бирдей эместиги, тыңсынуулары, жалкоолук;
Экинчиден, өз ара ой-пикирлердин эки ачалыгы;
Үчүнчүдөн, бала-чакалардын кагылышууларынан улам кирип-чыгышпай калуулары;
Төртүнчүдөн, алардын арасында, алдым-жуттумдардын чыгуулары. Бирдемелерди сыртынан бычып коюулары;
Бешинчиден, жакшылык-жамандыктарга солгун катышуулары;
Алтынчыдан, тууганчылыктын ички шарттарыңда бири-бирине саласал кылып коюулары;
Жетинчиден, дайыма туугандарын кириптер кылуулары, чыгашага учуратуулары ж.б.у.с. пайда болгондор себепкер.
Ал эми «жок болсо көрө албайт» – канткени менен туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт дейт. Каны бир. Баары бир көргүсү, катышкысы келип турат. Түтүшпөйт, биротоло кыркышып кетпеген соң, туугандыгын танбайт. «Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат». Кайра эле эл болуп, катышып алат.
«Бакыр болсоң, баркыт кий». Баркыт – сыйда түктүү кездеме.Анын тас баркыт (түгү өтө такыр), чий баркыт (чийдей жол-жолу бар) деген түрлөрү бар. Бакыр – табияты жоош, өзүнчө оокат кылган, эч ким менен өйдө-төмөнү, алдым-жуттуму жок, байлыгы деле чак өңдүү адам. Албетте, мындайларга тигил бир чети бышык кездеме сыйда жерлерге кийүүгө шартташа түшөт. Демек, «бакыр болсоң, баркыт кий» мына ушундан калган.
«Бөтөн элге барсаң, ошол элдин бөркүн кий». Бөрк– баш кийим. Туулуп өскөн жер – туу казык. Башка жердин татымы башкараак болот. Ошон үчүн: «Өз элиң өзөктөш, башка эл канатташ» – дейт. Бул «Кайсы жерди жердесең, ошол элдин ырын ырда» дегенге маанилеш. Эл менен эл бол. Сиңишип кет, телинип кал. Быгышып тур, жуурулуша жүр. Эли-журтунун назарын сындырбай өңдүү накылды туюндурат.
«Жаман жолдоштон, ат артык». «Ат – адамдын канаты». Алыс жол сапар чеккенде ат – адамдын жан жолдошу, ай-талаада ат ээсин маанектеп оттойт. Ээр-качкылык кылбайт, ээсин ара жолдо калтырбайт. Казатта минилет. Жаман адам талаа-түздө билинет. Атың баспай, ээн жерде калсаң: «Атыңды откоруп, тыңыганда артымдан кел», – деп чаап кетет. Андайлар чөнтөгүңдү, пайдаңды издеп, ошого карата мамиле кылат.
«Кызды бешикке салганда, себин сандыкка сал». Адатта, наристе бала кыркын чыгарган соң, бешикке бөлөнөт. Сеп кыздын күйөөгө баргандагы үй оокаты. Мында сөз төркүнү ошол ымыркай чагынан ак тилек күтүп, кыздын себин даярдоого камын, бат эле бойго жетет дегени. Сеп камдоо – өтө татаал аракет, оор түйшүк. Аны сарысаптап бүтүрүү оңой эмес. Кыз бала өзүнүн себи аркылуу бааланат, баркталат, баасы көтөрүлөт деген ойду ичине камтыйт. Мунун көбүн кыз бала өзү бүтүрөт дечи. Т.а. чоң энелеринин, эжелеринин, энелеринин, жеңелеринин, таэнелеринин, тажеңелеринин, таэжелеринин таалими аркылуу узчулукка моюн сунуусу. Ошондо килемин токуйт, шалчасын согот, шырдагын оёт, туш кийизин саят, ак өргөөсүн көтөрөт, зер буюмдарын жасатат сымал түшүнүктөрдү көрсүн дегендик.
«Ит экенин билген соң, таш ыргытып катылба». Бул накыл өтмө мааниде айтылган. Т.а., адамдын айбанаттык мүнөзүн аныктап турат. «Ит экенин билген соң», демек, сага айткан кайран сөз, мындай адам болгонуңду билгенде сага байланышып, мамиле жасап убара болбойт элем, адам эмес турбайсыңбы» деген нааразылыкты түшүнд үрөт.
«Астыңкы ээрди менен жер шыпырат, үстүңкү ээрди менен көк шыпырат». Бул – алабармандыкты, калпычылыкты, мактанчаакты билдирет. «Мен баарын жасайм», «Колумдан бардык иш келет», «Жыргатам-куунатам», «Талкалап таштайм» өңдүү кунарсыз сөздөр аркылуу элди алдоо. Албетте, мындайларга көбүнчө аракечтер көбүрөөк эгедер. Алар сөздү көбүртүп-жабыртып айтууга жөндөмдүү келишет.
«Баш кесмек бар, тил кесмек жок». Сөз кызыл тилдин баркы тууралуу баратат. Туура сүйлөгөн кеп-кеңеш өлбөйт. Тил аркылуу жүрөк-жүлүндү аралай алуучу туюнтмаларды түшүндүрө алабыз. Ошондуктан, кызыл тилинен чаң чыккан чечендер, ырчылар кандай гана айткан сөздөрү менен калкка-журтка таанымал болушуп калган. Элдин мүдөөсүн көздөшкөндүктөрү үчүн канчалык тууралык тууралуу айтып жатышкандыктарынан ага сурак жүрбөгөн, сот кеспеген, абакка жатпаган. Арийне, хандыкта да баш уруучулук тарыхта көп эле болгон. Тил кесүү болбогон, а кызыл тил – элдин-журттун да мүдөөсү. Арийне, тилинин азабын тартуучулар азыр да бар.
«Бармак басты, көз кысты». Бул – ич ара чукташа коюп, олжого туйтунуу. Бирөөлөрдүн жонунан жепичүү. «Бармак басты» – улуктардын мөөрү (илгери мөөр ордуна баш бармакты сыялуу жаздыкка басып, кагазды күбөлөндүрө турган). «Көз кысты» – бирөөлөрдүн, ошол эле улуктун макулдугун алуу. Экөө биригип калып, ич ара чукташып алып, ортолук мүлккө кол салуу. Мындай макал азыркы жигиттерге куп жарашат. Бул – «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендин тескери түшүнүгү. Муну идиома дейт. Башка тилге дал өзүндөй которууга болбойт.
«Дос айрылат, сөөк кайрылат». «Дос бергенин доолайт», «Эсептешкен дос болбойт» дейбиз. Кеп мааниси түшүнүктүү. Куда-сөөктүк мамиле түбөлүктүү. «Күйөө кыздын же кыз күйөөнүн, т.а., эки тараптын эли бири-бирине кошкон кошумчаларынын кыйшыктарынан, ашыккеминен өөн чыгарышат. Нааразы болушат, пендечиликте андан аркы катышты тып токтотуп коюуга дейре барышат. Аралары ачылып кетишет. Куда-сөөктө алыш-бериште андай жакка барбайт. Сөөк катары катыштарда оошкыйыштар боло берет. «Алыбек алына жараша» – дейт. Анткени ортодо балдар турат. Ошондуктан, «Сөөктүн эң жаманы суу кечирет», – деп айтылат.
«Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт». Албетте, сөз маанисин азыркы муундар анча аңдай алышпайт. Тез – жыгач аспабы, м.а. дүкөнү (станогу). Ачакей жыгач оруну. Учу жалпагыраак, сабы жумуру жыгач анын «ыкшоору» деп аталат. Кызытуудан чыккан ийри жыгачты теске ошол ачакей ыкшоору менен кошо коёт. Белге алып жылдыра тартканда ийри жыгач матоого түшүп, түзөлө берет. Мындай шартта чыканактай жыгачтар октой түз болот. «Матоого алгандай», «тезге салгандай» деген сөз мына ушундан улам калат.
«Жакшынын көзү көр, кулагы кер». Албетте, жакшыны «жакшы» дейбиз. Сөз мааниси мында. Ошол мыкты адамдын бир сапаты бар. Ал көзүнө көрүнгөндү, кулагы укканды, төтөн, начар жагдайларды таназар ала бербейт. Аны билүүгө ал куштар эмес. Анын артынан сая түшүп, өзүнүн кадыр-баркына доо кетирбейт. Көрсө көрмөксөн, укса укмаксан кала берет. Бирөөлөрдү уятка калтыргысы келбейт. Арийне, мындай көрүнүш чыгыш элдерине таандык алгылыктуу сапаттардан болуп саналат. Кыргыздар «Үү» дебеген адам үйдөй балакеттен кутулуптур». «Төө көрдүңбү?» – «Мыёо», «Бээ көрдүңбү?» – «Мыёо» дейт. Кеп төркүнү адептүүлүктү сактоо тууралуу барат. Жогорудагы макал-лакаптарга «көрбөдүм» деген бир сөз, «көрдүм» деген миң сөз» түшүнүгү үндөшүп турат. Демек, сөзгө чалынба, жалааны башыңа үйбө, ушак-айыңга алданба сымал накылдарды ичине камтыйт.
«Жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат». Демек, мында сөздүн күчүн көрсөтүп турат. Айрымдар «жылуу сүйлөсө, жылан ийинге кирет» дешет. Жок, адатта, адам улук, жылан адамдан сезет, коркот. Айрым учурда анын айбат кылуусу коргонуусу. Ал ийинге кире качат. Аны адам сөздүн күчү аркылуу «ийинге киргизбейт». Сөздү өтмө мааниде айтканда, жылан уу чачат, чагат. Мына ошондой душманды да адам бал тили менен эпке келтирет деген терең ойду билдирип отурат.
«Атты көрүп аягы талыптыр». Ат – Камбар атанын тукуму, күндү-түндү алмаштырат. Алыс сапар жол басса да арыбайт, талыбайт. Кээде туруп үргүлөйт. Сөз маанисинде мунун чыдамкайлыктын накта өрнөгүнө салыштырат. Көп эмгектенип, таман акы, маңдай тери барлардын чыдамын ошол аттын касиетине байланыштырып жатат.
«Бир карын майды бир кумалак чиритет». Кумалак– төөнүн, койдун, эчкинин корголу. Мында карындагы майга кумалак кирип кетсе, бара-бара ал сөзсүз чиритет дечи. Кеп төркүнү башкада, сөз эл ичин бузуп-жаруучу, айыл ынтымагын кетирүүчү бузуку, шыкакчы, мүлтүлдөк, куу, көшөкөр, куйту, жандиним, чуукуйрук адам тууралуу барат. Ошолор кумалак ордуна өтмө мааниде салыштырылып айтылат.
«Музоо муз жалайт, торпок туз жалайт». Кийин эле уйларга жем-чөп, ачытма тоют, аралашма тоют берип, ардактала асыралууда. Демек, сүт, эт өндүрүү аракеттери талаптагыдай болуп калбадыбы! Болбосо, мингич аттарга гана чөп салып, жем илүүчү, калган жылкы жайыттан күн көрүүчү. Саан уйга гана кичине чөп, саман салуучу. Музоо-торпоктон баштап көбүнчө аттын чөптөн чыгарган шакелин, аттын тезегин, анан саман жечү. Мунун өтмө мааниси кыргыздар илгертен аш-тойду көп өткөрүүчү. Ошондо мыкты табактар, табактын чүйгүнү аксакалдарга, мансаптууларга, куда-сөөктөргө, урматтууларга тартылуучу. Катын-калачтар, келин-кесектер, бала-бакыралар, ошолордон арткандарын, берген устукандарын жешип, сорпо-шилең ичип, топук алуучу. Аксакалдар, төбөлдөр бийлик жүргүзгөн илгерки заманда чыккан бул макалдын чоо-жайын мына ушундайча деп жорушубуз керек.
«Колу ойнооктун, оозу ойноок». Бул сөздүн төркүнү, адатта, уз-усталарга арналат. Алар кардар адамдар үчүн узданат-узанат. Буюм-кечелерин ойдогудай бүтүрүп бергени үчүн кардарлар аларды куру койбойт. Шарт боюнча акысын беришет. Чеберчилик колдорун сыйлашат. Биринен сала бири бирдемесин өткөрө берүүгө аракеттенет. Ошого карата уз-усталар кармаган үлгүлөрүн карап тургандай кылууга дымактанышат. Макалдын мааниси колуңдан бүткөн нерсе – маңдай териң, таман акың. Ал өз оозуңа жетип турат, «иштесең тиштейсиң» дегенди билдирет.
«Уулуң чоңойсо, абийирдүү менен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрлүү менен айылдаш бол!» Сөз төркүнү мындай: Айлана-чөйрөнүн таасир берүүчү касиети зор. «Жакшыга жанаш, жамандан адаш» – дейт. Бала эс тартары менен айлана-чөйрө ага таасир керсөтөт. Таасир берүүчү адамга жакындашууга умтулуу пайда болот. Улуулардын баскан-турганы ага үлгү берет. Ошондой болууга дымактана турган турпаты жагат. Ушундай жүрүш-турушка эгедер болгусу келет. Дал келүүчү кесип, адистик тандоого аракеттенет. Абийирдүү менен айылдаш болууга кимдер максаттанбаган.
Кыз балага кыргызда узчулукту биринчи катарга коёт. Килемчи, өрмөкчү, түймөкчү, бычмачы, тикмечи, саймачы, оймочу болуш үчүн айыл ичинде уздар керек. Алардын тегерегинде үйрөнчүктөрү бар. Андай жерлерге имерчиктөө аркылуу өнөр өсөт. Жолун жолдоого шарттар түзүлөт.
«Күйөө карыса, жээн болот». «Күйөөнү пайгамбарым сыйлаган» дейбиз. Бул жакшы салттардын ичине кирет. Демек, күйөө карыган чакта кайын-журтуна ого бетер алынат. Сыйлап, төргө отурууга шарты жетилет. Элибизде журт күйөө адептүүлүктүн үлгүсү катары көрүнүп, жибектей созулуп, жээндей эркелей алган.
«Жээн эл болбойт, желке тон болбойт»! Жээн – кыздын баласы. Ал таята, таэне үчүн небере болуп саналат.
Анткени чыккан кыз чийден сырткары. Ошондуктан, кызды бирөөлөрдүн бүлөсү дейбиз. Демек, андан туулган баланын эл-жери башка. Жээнди таяке-тайыны баккан учурлары да бар. Таятага, таэнеге жээн-небере – өзүнүн уулунун балдарындай эле сүймөнчүлүккө эгедер. Ошондой көрүшөт, ойдогудай мамиле кылышат. Бирок эркек бала эл-жерин, кыз бала өз төркүнүн таппай койбойт. Себеп дегенде, каны башка, жаны башка. Кыргызда «тентиген, тербиген», «бирөөнүн элинде кул» өңдүү сөздөр менен урук, уруулар кошо акарат катары айтылган учурлары бар.
«Эр тайын тартат». Бул – алкоого, кадырлоого алынуучу накыл. Баланы асыроо ичте пайда болгондон баштап, аны багуунун күндөлүк тарбиясы башталат. Ойдогудай тамактануу (талгак болгондо талгагын кандыруу) зарыл. Өз учурунда эс алуу, оору-сыркоого чалдыкпоо, кайгы-капага тушукпоо, кара жанды карч уруп, анча кейитпөө, оор жумуш жасабоо, ичкилик ичпөө, терс жакка баспоо, кыскасы, өзү самагандай жашоо – баланын ичтен жетилүүсү үчүн зор мааниге эгедер. Төрөлгөндө ымыркай чыйрак чыгат. Андан аркы чоңоюшуна өзүнөн өзү шарттар түзүлөт. «Курсактагы балапан, асмандап учкан куш болот». Ал кандай экенин ичтеги уясына да байланышат.
«Катын албай, кайын ал». Бул макалга айланган сөздүн маани-жайы мындай: эрди-зайып эриш-аркак. Баш кошкону, үй күткөнү, балалуу болгону алар турмуш, келечек тууралуу максаттанат. Мындай талаптуу жашоо кыздын төркүнүнө кынадай жагат. «Чыккан кыз чийден тышкары» болсо дагы ар дайым анын төркүн-төсү, алымберимдүүсү, аттанып түшөрү шарттуу көрүнүш. Күйөө бала үчүн кайын журт ата журттай эле дымактуулукка эгедер. Күйөөнү тосот, жоро-жолдошторун кошо сыйлайт, «күйөө карыса жээн», «күйөөнү пайгамбарым сыйлаптыр» деген накылдын түпкү теги эле бири-бирин урматтоосу, кадыр тутуусу. Баары биригип, кайын журттун алдуулугуна, бардарлыгына барып тогошот.
«Кой үстүндө торгой жумурткалайт». Бул – адамдарга карата өтмө маанидеги түшүнүк. Береке-бейпилди, толуп-ташканды, бардар-бакубаттыкты, кемибес берешен турмуштун ооматын билдирет. Бардыгы жыргалчылыкты көрүп жаткандай. Динге байланыштуу макалдын чыгышында акылга сыйбаган, кыялданууда билинип турат. Бул эмгек гана бакытка жеткирээри тууралуу сөз болбой эле уламыштарга барып такалганы баамдалат.
«Койчунун кызы кой келээрде иш кылат». Ата-бабабыз кой малын жакшы асырап, анын азык-түлүктүүлүгүн арттырып келген. Койдун туруш турпаты менен пайдасы зор. «Койдун сүтү коргошун, кой уурдаган оңбосун» деген «Бекбекей» ыры бар. Жүнү, терисичи, мүйүзү, сөөгү да керектүү, кыгы көң болот. «Кой» – анын баарысы пайдалуу. «Айтпай эле кой» деген түшүнүктү берет. Ошондуктан, кой саалат. Андыктан, козулары өзүнчө кайтарылат. Кой жайыттан короого келгиче козулары көгөндөлөт. Жамыратып жибербейт. Кыз-кыркындар, бала-бакыралар, келин-кесектер кой саашка жапырт камынышат. Койдун сүтү майлуу келет. Жуурат уютулат, андан сүзмө куят, эжигей кайнатат. Мына ушундай кой келээр маал келип, короого киргендеги саан учурлар өтө түйшүктүү келген. Ошол тапта койчунун кызы илээндиленип, сайма сайымыш, түймө түйүмүш, бычып-тигимиш болуп шылтоосу табылат. Короодогу кызуу кыймылга катышкысы келбейт. Арзыбаган бир ишти кармаламыш болот. Ушундай жагдайлардан улам: «Койчунун кызы кой келээрде иш кылат» деген кеп айтылып жүрөт.
«Кол ийрисине тартат». «Айылдаштын аты чыкканча, аталаштын тайы чыксын» (макал). Мында сөздүн маанижайы адамзаттын кол күчүнө барып такалат. Адамдын колу сыртка тартууга караганда ичке имере тартууга ийкемдүү да, күчтүү да келет. Ал өтмө мааниде «кол ийрисине тартуу» болуп, «жек-жаатына, урук-туугандарына, кайын-журтуна, жердештерине, дос-тамырларына көбүрөөк көңүл буруучуларга, аларга дайыма кайрымдууларга карата айтылып келүүдө. Колдон келсе, мындай болбой калыс жүрүү, баарына бирдей мамиле кылуу – адамдык сапат, кудайга жагаар иш.
«Кол жууп калуу». «Байлык колдун кириндей» (макал). Адатта, эки колду ар дайым жууш парз. Ал андан колдун кири кетет, адалдоо болуп саналат. Мында колубуз кирден ажыраган сымал өтмө мааниде болгон тасмияңдан ажырап калуу тууралуу айтылып жатат. Ушинтип, баарынан куру колбуз, т.а., мал-мүлктөн түгөл кол жуудук, жоголду, уурдалды, тонолду… өңдүү түшүнүк берет.
«Эки бакыр, бир тукур». Тиричилик – сөздүн толук маанисинде, бул – турмушта кордукту көрүүчүлөр, жармач жашоочулар, кедей-кембагалдар биригип, өз оокаттарын кылып кетүүлөрүнө карата айтылуучу накыл. Бул жарык жана жалган жашоодо, абалтан адамдар бирдей жаралбайт. Тегине, байлыгына карата ж.б. боюнча бөлүнүүлөр болуп келген, болот, болуп кете берет. Мунун түпкү төркүнү биргелешип, бирдемелерге аракет кылууларынан пайда болгон го! Бакыр-кедей, кембагал, букара. Бакырчылык – биргелешип иштөөчүлүк. Ушундан улам үйлөнүпжайланып, тиричилик кылып кетүүчүлүк. Тукур-чобур деген түшүнүк. Ал көбүнчө жылкыга байланышат. «Эки бакыр, бир тукур болуп жашап кетели» деген сөз бар. Азыр запкы тарткандарга, эрди-аял болуп жашагандарга карата ушул макал айтылат.
Адам турмушунда оомалуу-төкмөлүү учур көп кездешет. «Тери тондун ичинде, тердесин жигит өлбөсүн, куур тондун ичинде куурасын жигит өлбөсүн» (макал). Чындыгында, бул накылдын артында «куурардын жыргалы бар» деген туюнтма жатат. Ошондо биз ар нерсенин өз доору, гүлдөө учуру болорун билебиз. Ар бирибиз жаш кезибизде бир жолу дуулдап, күүлдөп алганбыз. Эл башында чычайып турган адам ал дөөлөттөн ажырап, катардагы адамдардын арасында болуп калат, ошого карата сыпаттоо тура! Анын доору өткөн, эми баланчанын доору жүрүп жатат дейбиз. Негизи ошондой чакта пайдалуу, өтөөлүү иштериң келечектеги муундарга жетиш керек. Айрымдар «Ой, ал күркүрөп турган, күл челип турган учуру болгон» өңдүү сыпаттоолор айтылган. Учуру келип «куу алып турган» чакта келечектүү касиеттерге ээ болуубуз зарыл.
«Майкана көрбөй бала оңолбойт». Мында сөз тарбиятаалим тууралуу баратат. Бул аракет үйдөн башталат. Ата-эне ар дайым отуруп-турганында, тамак-аш ичкенде, мал багууда, конуп-көчкөндө, айтор, ж.б. күндөлүк жашоо-тиричиликтеринде элиңдин, жериңдин баба салттарын, эне адептерин, үрп-адаттарын, жол-жоболорун көрүп-билип, өздөштүрүп өсүүсү зарыл. Ансыз бу жашоодо арабөк калат. Эл үчүн, эл жашаган жер үчүн ойдогудай жүрүш-турушу, адеби, ыйманы бар адам болуп чыга келет. «Башка өскөндүн боору таш, ташка өскөндүн туягы катуу» деген макал буга үндөшөт.
«Ат жалында казан ас». Бир топ үзөңгүлөш жолдоштор бастырып баратышып, ат жалында даам сызуулары, т.а., канжыгадагы куржундун оозун ачып, андагы тамакаштарды жеп, чанач, көөкөрдөгү суусундуктарды аттан түшпөй туруп жутуусу. Деген менен мунун салыштырмалуу мааниси башкада, адамдар сапарга аттанганда аңгеме учугу сапталат. Нарктуу-салттуу сөздөр айтылат. Кеп баккан адамдарды жандай бастыргандар, улуу накылдарды угууга куштарланат. Ошого маашырлар атайын андайларды ээрчитип да алышат. Бул узун жолду кыскартуу болуп саналат.
«Жаман кошуналыгын колко кылат». Бул өзүн өзү кунарсыз барктоо, т.а., «Мен барбасам, ким жанына көчүп келет эле. Башкалар сага кошуна болбойт болуучу. Мен гана кошуналыкка чыдап олтурамын» деш аркылуу өзүнүн начар сапаттарын билдирүү.
«Толтура аяк толугу менен тийбейт». Адамдарда аласа-бересе болот. Бирөөгө бирдеме берилсе, бардыгы эле орду менен аласа-бересеси өзүндөй тийбейт, «суу болуп» жүрүүлөрү тирүүчүлүктө көп кездешет. Мындан бири-биринен куйрук үзүп кетүүлөрү да көрүнөт. «Доо өнбөйт» дегендей, жедеп тажаганда колунан чыкканын алууга мажбур болот. Айтылган макалда чындыктын чоо-жайы ушундай.
«Орозонун баласы (ороздун баласы) онго чыкканча жаш болобу?» Бул – элдик накыл. Кыргызда «баланы башынан» деген сөз бар деп айтканбыз. Турмуш-тиричиликти жашынан, эс тарткандан, боорун жерден алардан түшүнсүн, билсин, көрсүн деген маани жатат. Бала канчалык талаа-түздө көп болуп жашоонун ой кырын көргөн замат ал чыйралат, т.а., күндөлүк күйпүл жагдайларды өзү «кол менен кармагандай» болот. Ачуу-таттууну бирөөлөр аркылуу эмес, өзү көрүп-билип жатат.
«Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт». Кыргыздар урук-туугандуу келип, айыл отурушчу. Жайлоодобу, жакадабы кирди-чыктылар бир болгон. Бирөөлөрдүн ички тиричиликтери менен анча иштери жок. Ушак-айың, тыңчылыкты, көралбастыкты жактырышпаган. Кийин айыл олтурууда ал эсте болгон. Бири-бирине сырдана адамдар ык алышкан. Адатта, «Дос кудайдын мөөрү» – дейт. Алган-бергенин эсептешип отурушса, албетте, достуктун улуу жолун улай алышпайт. «Дос бергенин алат» болуп, эртедир-кечтир ажырашып кетет. Дос тууралуу учкул сөздөр көп.
«Жашы улуу болсо да, жаны курбу». Адамдар бирибири менен мамиле кылууда жаштын улуу-кичүүсүн эске албайт. Тактап жүрүү, алыш-беришти чын жүрөктөн, жандили менен ызаттоо вазыйпасы эки кишиде тең болот. Теңтуш – жашы чамалаштар, жолдош – талаа-түздө бирдей жүргөндөр, жашы улуусу-кичүүсүнүн кадыр туткан адамы. Аны ич ара урматтоосу, сөзүн эки кылбоосу. Жашы кичүү-улуулардын аны жакшы билип, бир туугандай сыйлоосу, инисиндей көрүүсү. Мына ушундай сапаттар аркылуу тирүүчүлүктө пенделер катыш жасайт.
«Уста менен дос болсоң, наркескенин аларсың, ууру менен дос болсоң, бир балээге каларсың».
Наркескен – «Манастагы» ууга сугарылган согуш куралы, кылыч. Чапканы жаза кетпейт, өрттөп кетет. Сөздүн ток этээр жери, мыктылар менен мамиле кылса, ал эчтекесин аябайт. Атынан түшүп берет. Жараганын ала аласың. Достуктун баасын уста жогору көтөрөт. Ууру аркылуу жаман жаатынан билинесиң деген маани жатат.
«Айдай чырайды иттей кыял бузат». Ай чырайлуу – өтө эле сулуу дегенди берет. Ит кыял – кыялдын ашкере жаманы. Ал итче ырылдап турат. Адамдарда мүнөздөр жаралат. Өңү серттердин ички дүйнөсү бай жана адамкерчиликтүү келет. Айрым сырты жалтырактардын ичи калтырак болот. Жүзү менен мүнөзү бирдей алымдуу, жагымдуу адамдар гана бардыкка кабыл алынат. «Арзандын сорпосу татыбайт». Бирөөлөрдүн кылган иштери кымбатка турат. Айрымдардыкы анча бааланбайт. Адал эмгек, таман акы, маңдай тер башкача сезилет. Бекер оокат эрес алынбайт, нап бербейт. Ал сенин эмгегиң эмес: «Кайсы эле өз байлыгы эле» – деп, ага элдин мамилеси да бөлөк болот. Башкалардын эмгегинен күн көргөндү журт өзү эле «бул адал, бул арам» деп, калыс таразалап коёт.
«Арамзанын куйругу бир тутам». Адамдардын ар кандайы бар. Эр сапаттары, баатыр сапаттары ар түрдүүгө бөлүнөт. Мында арамзаны аттын куйругуна салыштырууда. Канчалык митаам, ичи таза эмес болсун анын кылыгы журтка бат эле билинип калат. Эл өзү эле ашкерелеп коёт.
Макал кыскача ушуну туюндуруп турат.
«Котур ташы койнунда». Сөз, кыскасы, дайыма бирөөлөргө жамандык ойлогон адамдар тууралуу айтылат. Акыры арам санагандарга, колунан жакшылыгы жокторго, кара ниеттик кылып жүргөндөргө карата айтылат. «Кара таш», «котур таш» тескери ойду символдоштурат. Эптеп тымызын арадан бөлүү, көзүн тазалоо өңдүү ишаракеттерди туюндурат.
«Май кармаган бармагын жалайт». Адатта, таза колго жуккан тамак-ашты жалап коюу шарты бар. Ушул маанини өтмө катар алсак, мисалы, казына кармаса, же бирдеме жукчу жерде иштесе, «чокой пулу чубалып» турса, ошол аркылуу жашоо-тиричиликтерди ойдогудай жүргүзүп жатса, ошого карата айтылат. Бул – өзүнүн ак эмгегинен сырткары табылып турган олжо-буйласы. Чокой пул – ара-чолодо табыла калуучу байлык…
«Нысапсызга кашык салса, беш ууртайт». Нысапсыз – сугалак, топуксуз адам. Илгери табак-аяк тартыш чакта жарма кылса, (сүт жарма, буудай жарма, кара жарма, сорпо жарма, таруу жарма, конок жарма ж.б.) кесме кылса, бир табакка (жыгач табакка) куюп, беш-алтоону бир каратып, ар бирине бирден жыгач кашык берип коюучу. Кээде бир тобу бир кашык менен да ичишкен.
Табактагы даам баарынын тең ырыскысы. Ирээттүү ичиши керек. Макалдын чоо-жайы сугалактар, топуксуздар, тойбостор тууралуу баратат.
«Сурап бергенче, уруп бер». Кыргызда мындан башка «сурап ичкен – суу ичкен, тартып өпкөн – жел өпкөн» дейт. Элибиздин меймандостугунда алдына аш коёт, эки колун бош коёт. Кандай жейт – ал адамдын эрки. «Кой соёбу?», «эт салабы?», «кесме кылабы?», «жарма ичесиңби?», «токоч жейсиңби?»… Арийне минтип суроону элибиз өөн көрөт. Уяткарып да коёт. «Сурап да тамак-аш береби?» – дешет. Айрым учурда мейман уялат, уяңдалат, «ичтим, жедим» деп коюшу ыктымал… Демек, ушундан улам макалдын мааниси түшүнүктүүдүр…
«Чөйчөк менен төөнү сугаргансып». Сөздүн түз маанисинде деле төөнү чөйчөк менен сугарууга болбойт. Мында бирөөнүн казан-ашынын, дасторконунун тардыгы, суусун куйган идиштеринин кичинелиги, меймандарга ал идиштер жарашпай тургандыгы, чоң ичип, чоң жей турган адамдар экендиги тууралуу сөз кыябы келип баратат.
«Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман».
Адам баласы ар нерсени көрөт, өз кулагы аркылуу угат. Ошолорун бирөөлөргө айткысы, угузгусу келет. Ар кими эле бир мааниде көрө, уга билбейт. Кээлери аны терс угат, айрымдары оң угат. Бирдемени айткан адам жаман көрүнүп калышы да ыктымал. Чындыкты, адилдикти айткандар ушул макалды өзүнө өзү нааразы болуп айтып коюулары да бар… «Укканымды жана көргөнүмдү бекер айтыптырмын» деши ыктымал.
«Дешпе, дешкенден кийин келжирешпе». Дешпе – убаданы бузбоо, бир нерсени чечүүгө бек туруу. Адамдар тиричиликте ынтымакта жашоого бет алат. Бирөөлөр алыш-бериш кылат. Ал тууралуу иш чечилет, эриш-аркак өмүр сүрүүлөр бар, соода-сатык жүрөт ж.б. Мына ушундайда мурунку шартты бузуп айныса, ал адамкерчиликке жатпайт. Мында ар нерсеге туруктуу болуу, убада-сөздүн аягына чыгуу жөнүндө болуп отурат.
«Калпычынын чын сөзү сая кетет». Адатта, адамдардын ар кандайы жаралат. Анын бири калпычы. Калпычы – калп айтуучулар, шыпырлар арабыздан чыгат. Алар дайым эле «беш өрдөгүн» учура беришпейт дечи. Чын айткан чактары да болот. Көбүнчө калп айтуулары аркылуу элге-журтка таанылгандыктан «калп айтып атат го, ышкыртып койду го» дейбиз. А мүмкүн, ал ошол учурда чын айтты. Ага да эл-журттун ишенбей коюулары көп кездешет.
«Калпты чындай айтса, чын чычайып качыптыр». Айрымдар калпты чындай койгулап айтса, калп айта албагандар оозун ачып калат. Ошого да эл ишенет. Анын айтканы эп болот. Акын Ысмайыл ырдагандай эбине келтире айта билүү жеңип кетет.
«Калп – ырыс кыркат». «Калптын казаны толо кайнабайт» – дейт.
«Мен калп айтпасам казаным толо кайнабайт» – дечүлөр бар. Эмне үчүн калп ырыс кыркат? Ырысын жеп ал калп айтып жатат. Ага эч ким ишенип, эчтеке бербейт. Соода-сатык кылбайт. Ага карыз сунбайт. Албетте, андай ишенбөөчүлүк анын казаны бош, дасторкону кур, тар калтырат. Алдыдагы ырысын өзүнөн өзү тээп жатканга барабар.
«Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат». Малды айдоонун да өзүнчө бир ыкмасы бар. Мисалы, жылкыны – «чү», «так», чакырса – «кыруу-кыруу» дейт. Уйду, топозду – «өш», чакырса – «мо-мо» – дейт.
Койду – «кош», эчкини – «чек» деп айтат. Макалда ошол адамдын кур дымагын көрсөтүп турат. Үйүр-үйүр жылкы, күтүрөтүп бодо мал айдап бараткандай өзүн өзгөчө сезүү, т.а., анын көйрөңдүгүн, мактанчаактыгын, элди дүрбөткөндүгүн билдирип коюусу. Ышкырып айдоо – жылкы айдоодо болот.
«Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак». Кабанаак иттердин куйругу чагарактап, жондору дүктүйө чыгып, короого, үйгө адам жолотпойт. Макалдын бир мааниси, айрымдар айылында, элинде, үйүндө кыйынсынышканы, баатыр, эр жүрөк болушканы менен колунан анча эчтеке келбейт. Үйдө баатыр, жоодо жок көрүнөт Айылы, үйү үчүн пайда-батасы бир аз болсо да, эли-журтунун керегине аттанып түшө албайт.
«Ала карганы атынан чакырат». Журт – өзү калыс. Ак, караны алар ылгашат. Баатыр, эр, эпкиндүү, жалкоо ким? Кыраан, алгыр, чабал кайсы, эл өзү чыныгы бааны берет. Макалда кимдин кимдигин даана өзүн айтуу тууралуу сөз баратат. Жакшыны жакшы, жаманды жаман, түзүктү түзүк, акты ак, караны кара деш парз. Демек, ала кушту өз атынан эле чакыруу керек.
«Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат». Арстан – жырткыч, азуулуу жаныбарлардын сүрдүүсү. Ал чалып, т.а., азуусу менен душманын жара тартып коёт. Аны «арстан чалыш» дейт. Ал эми адамдарды да арстанга салыштырат. Төтөн, эзүүчүл чөйрөлөрдө бирин бири ичтен пасташуу-басынтуу бар, айрымдарды артыкча көкөлөтүү же таптакыр жок кылуулары туюлат ж.б. жагдайлары, уруу билермандарында көралбастыктар, атаандашуулар көп болгон. Мисалы, күлүк ат көпчүлүктүн көз кырында турат. Ага, дубанды бузган жорго, сулуу кыз өңдүүлөргө суктары түшүп калса, анын баркына жетеби-жетпейби, акыры аны колго тийгизүүсү, намысын колуна алуусу керек. Макал ушундан улам айтылат. Алар өзүлөрүн чалган ошол арстанга салыштырат. Бирөөлөрдүн убалына карашпайт…
«Ат баспайм деген жерин үч басат». Адатта, алыс жерди ат арытат, ат арбытат. Кыргыздар алыска аттанаарда алдына ат шайлаган, үстүнө тон камдаган. Тар капчыгай, таштак жолду ат аркылуу өткөн. Мындан ат барбаган, адам көрбөгөн жер жоктой. Мындан адам да барбайм деген элин, жерин үч, андан да көп басат өңдүү корутунду чыгат.
«Мал ээси менен, баш мээси менен». Уюткулуу калкыбызда мал-башка ошол үйдүн ээси эгедер. Союуну-коюуну, бир жакка берүүгө үйдүн ээсисиз калган үй-бүлөсү бийлик жүргүзө албаган. Мурунтан чукталып койгон нерсеге гана үйдүн зайыбы кийлигише алган. «Атаң айткан», «Атаң айтып кеткен, өзүңөр билгиле» деген. «Макул болгон» өңдүү ыраазылыктар аркылуу беркилер бийлей алышкан. Албетте, бул үй-бүлөдө ич ара сыйлашуу. Үй ээсин пир тутуусу, чыгыш мусулман элдеринин ыйманы, адеби, ырыс-кешиги… «Баш мээси менен», мейманга жандык сойсо, баш тартат. Баш сыйда мүлжүлөөрү менен баш мээси алынып, сорпого эзип, туураган этке (нарынга) кошулат. Ал тамактын даамын чыгарат.
«Балык башынан чирийт». Мында сөздүн чоо-жайы адамдарга чаап турат. Б.а., мансаптуулар, улуктар өзүлөрү заң-мыйзамды бузуп, башкаларга таба болуп жатышы, эл алдында уят-сыйыттан кетиши тууралуу билинип отурат. «Алар минтсе, калың эл кантмек эле» деген бүтүм чыгарышат. Ал эми балык башынан бузулабы же башка жеринен жыттанабы? Аны илимий жактан изилдеп аныктаган жок.
«Колтугуна суу бүркүү». Бул – бирөөнү бирөөгө каршы коюуда аны чыгымдап, ич ара мамилени бузуу. Ошол жол аркылуу өзүнүн өчүн алуусу. Адамдарды бири-биринен алыстатуусу. Экөөнүн ортосуна от жагып, араларынын ачылып кетүүсү. Көкүтүү менен адамдын туура эмес абалда калуусу…
«Атанын малы балага опо болбойт». Ата-эне көөнү балада, баланын көөнү талаада. Бала өзүнүн баласы тууралуу ойлойт, кам көрөт. «Балам, балалуу болгондо билээрсиң» – деп коёт. Бирок ата өз муунуна көзү өткөндө кор болбой оокат кылышына мал-мүлк калтырат. Аны бала ирээттүү күтө билеби? Атамдын мага калтырган үйү-жайы дейби? Муну өзүндөй асырай алабы? Андайлар мүмкүн, бардыр. Анткени менен атанын маңдай тери, таман акысы менен баланын маңдай тери менен таман акысы бирдей бааланбайт. Аныкы арзан, өзүнүкү кымбатка турат. Т.а., эмгектенген адамдыкы жогору, даана тузга татыйт. Бирок бала-бакыра албайт. Өзүн башкача сезет. Ошон үчүн ата эмгеги жеңилдей туюлуп, ал байлык арзан өндүрүлдү болот да, коромжуга учурайт. Анча нап бербеши ыктымал.
«Табанаак эрден, тубанаак бээ өтөт». Эр – эркек, эр– бүлө ээси. Алардын табышкердиги ар кандай өлчөнөт. Ушуга карата табышкер, олжолуу, жатып ичээр, жанбакты, жалкоо ж.б. адамдарга бөлүнөт. Ал эми бээ жылына тууйт. Алар ич ара тукумдайт. Тулпар да, күлүк да, жорго да бээден чыгат. Кымызы адамдын каны, эти кыргыздын жаны. Демек, көөкөр эмчек бээлер өзү эле бир сабаа кымыз болот. Бээ улам жашаган сайын сүтүн демейт. «Жарашат кандай желеге, жайкалтып кулун эмизген», – деп бээлер желенин, үйүрдүн да көркү. Т.а., мына ушундай жагы жогору бааланат.
«Берип жаман көрүнбөй, бербей жаман көрүнөйүн». Айыл арасында, ага-тууган ичинде алыш-бериштер бар. Берешендер да, аламандар да чыгат. Такай алгандар, бергенди унутуп коюучулар да болот. Ошентип, такай берүүчүлөр, такай алуучулар да жолугат. Демек, берешендер берип-берип келип, бир курдай бербей калышы да мүмкүн. Ошондо «Бербей койду» – дайыма алып жүргөн адам таарынат. Таарынып, берешендин мурунку бергендери дагы сая кетип, баркка өтпөй калат.
«Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын боёйт». Боёкчу атасынын сакалын кантип боёмок эле. Мында да өтмө мааниде айтылып атат. Көзүнө көрүнгөндү көбөйтүп, бирдемеге окшоштуруп жасай берүүлөр бар. Ал аракеттери эчтекеге татыбайт. Баага өтпөсө да, «кыйынсына» берүүсү ушундай макалдын чыгышына себепкер болуучулар…
«Байдын уулу айраның, айраның болбосо чыгаар эле ойронуң». Албетте, байдын, кедейдин жашоолору жеринен болуп келүүчү жөрөлгө. Мында кедейдин байга көз карандылыгы тууралуу кеп козголууда. Демек, жумушун кылып, айранын ичип, даамын таткан неме байга акарат айта албайт. «Куп» деп турушу зарыл. Муну ушул мааниде түшүнүү зарыл.
«Жерден жек чыкты, эки кулагы тик чыкты». Бул – терең мааниде айтылуучу сөз. Жек – «желмогуз», «тири укмуш», «алаамат» алып келүүчү. Бөлүп жарылуучу немелерди мына ушул макал аркылуу өтмө мааниде туюнтушат. Тынч жаткандарга фашисттердин кол салышы, дүйнө элдеринин азап-тозогу буга айныксыз далил боло алат. Бирөөлөргө көө жаап, журтчулуктан саясий айып таап, жок кылуучулар көп болгон. Бул макал ошолорго ж.б. арналат.
«Касам ичкенсип». Бул ич ара убадалашууну так кылуу. Муну ант деп да коёт. Демек, касам ичүү, б.а., антташуу, касам ичүү – аяктагы тамакты ак бата аркылуу кадимкидей жутуу. Шерттен жанбоо. «Антташкан», «шерттешкен» бир эле түшүнүктү берет. Аны бузуу – чоң айыпка жыгылуу. Кудай Таала алдында кечиримсиз, чоң күнөөгө батуу. «Ант ичкенсип» – кээде берген антка турбагандардын каргышка калуусу, жүдөй түшүүсү.
«Боз койдон жоош, ак койдон аңкоо көрүнүү». Албетте, бештүлүктүн ичинен койдун асылдуулугу өтө артылат. Теңиз бирөөлөргө зыяны жок пенделерди коймаарек, кой оозунан чөп албагандарды койдон жоош деп коёт. Ал эми бул макалда, тескерисинче, кылгылыкты кылган, кыл жип менен чымырата бууп койгон, эл-журттан чыккан шылуундар, кескилер, жалаң жамандык кылуучулар. Т.а., бардык кыянатты жасап, көрсө – көрмөксөн, билсе – билмексен болгондор мында өтмө мааниде айтылып жатат.
«Бөйрөктөн шыйрак, бөдөнөдөн куйрук чыгарган». Турмушта бөйрөк шыйрак эмес, шыйрак бөйрөк эмес. Экөө эки башка орган. М.а., экөө эч качан бири-бирине өтүшпөйт. Ошондой эле бөдөнөдө болор-болбос жөжөдөй куйрук билинет. Кеп мааниси айрым адамдардын орунсуз жүрүм-турумдары, жасаган тескери аракет-кыймылдары, обу жоктук, олдоксондук көрүнүштөрү тууралуу өтмө мааниде айтылып калган.
«Бээ» десең, «төөгө» кетет». Ургаалдуу сөздү, бир окуяны айтып баратып, капыстан башка маанидеги сөзгө, окуяга түшүп кетүүсү. Кеп маанисин түшүнбөөчүлүгү, сөздү угууда жана айтууда чалакайымдыгы. М.а. окуя бир гана бээ-жылкы жөнүндө айтып жатышса, аны коюп төө тууралуу айтып отуруп алуусу. Кеп-сөз айтуунун шарттуулугун билбегендиги ушул өтмө мааниде түшүндүрүлүп атат.
«Бээ көрдүңбү?» – «Жок». «Төө көрдүңбү?» – «Жок». Мына ушуга үндөш «көрсө – көрмөксөн, билсе – билмексен» деген сөз бар. Мунун көбүнчө оң мааниси айтылат. Мисалы, бирөөнүн айыбын, уяттуу жагдайын көрүп-билип калса, ал – ошону жашырып-жабууга аракети, уят кылбоосу, ызаттоосу, андай эле зыянсыз немени эл алдында жайбоосу, чукуп чыкпоосу. Мунун дагы бир түшүнүгү, «жакшынын көзү көр, кулагы кер» болуп саналат. Ал эми «Бээ көрдүңбү? – Жок. Төө көрдүңбү? – Жок». Бул «билбейм» деген бир сөз, «билемин» дегени миң сөз. Т.а., өтмө мааниде караганда ал адамдын ашыра сактануусу. «Көсөөнүн акылы түштөн кийин». Баарыдан мурда, сөз мааниси мындайча. Айрымдар ишти иритет, бүтүндү бүлдүрөт. Акыры анысын өзү сезет, ошол мурунку нук аркылуу аны кайра калыбына келтирүүгө далбас урат. Макал мына ушундай жагдайды эске алат. Муну «жамандын акылы түштөн кийин кирет» деп да коёт.
«Жандоочу кийик аттырат». Элде: «Устанын шакирти», «уздун үйрөнчүгү», «жол башчынын, кол башчынын шакирти» – дейт. Ушул сымал жандоочу – мергенчинин шериги. Мергенчи тозотто отурат. Шериги ыңгайын таап, кайберендерди ж.б. айбанаттарды ага айдап берет. Ал атат, ошентип, олжого туйтунушат. Мында сөз төркүнү түз мааниде айтылып отурат. Ал эми өтмө мааниде бир иштин бүтүшүнө экинчи бирөөлөр себепкер, данакер болот. Сөз нугу ушул жөнүндө баратат.
«Эсери болбой эл болбойт». Журтчулукта ар кандай пенделер бар. Мүнөздөрү бири-бирине окшош сымалдар жана башкараактар да жаралат. Мисалы, дервиш, селсаяк, кемакыл, жинди, зөөкүр өңдүүлөр бар. Эсер – эл арасында жүрүшкөн ошолордун жалпы аталышы. «Кой аксак-тескеги менен миң» дегендей, мына ушундай адамдары аркылуу эл-журт болуп саналат.
«Таз таранганча, той таркайт». Албетте, таздын тарана турган чачы болобу? Бул көбүнчө эркектерге карата айтылууда. Ал эми ургаачылардын тазы анча белгилүү эмес. Илгери кыргыздар чач койдурбаган. Өтмө маанисинде, чачы жок тазды таранды кылат. Тойдон кечиктирет. Демек, айрымдар дайынсыз эле жасалгаланат, өзүн өзү короздоно кармайт. Убаралана берет, ушинтип отуруп, ар иштин ирбитин өткөрөт. Кур жалак калуусу тууралуу айтып отурат.
«Отузунда «ордо» бузсаң, кыркыңда кырдан аша албайсың». Ордо – элдик чүкө оюну. Ал кыргыз аймагында төрт дубанды бириктирүүчү жайларга чейин кызыктуу ойнолот. Ордо бузуу – топ бузуу. Т.а., борбордо бөктөлүп жаткан көп чүкөнү абалак же томпой менен атуу аркылуу чачыратуу. Демек, эр жигит отуз жашында ошого араң жараса, кыркында кайсы иштин тыянагын чыгарат. Эмне жасап кыйратат. Кайсы муратка жетет сымал ойлорду өтмө мааниде, жылдыруу аркылуу айтып отурат.
«Кедейдин аты куру чабуулда чыгат». Албетте, кедей да ат мингиси, ал күлүк болсо, чапкысы келет. Байге алган учурлары да бар. Бирок мында сөз төркүнү: «Кедейдин иши да айрым чактары оңдой берди келет» дегенди туюндурат. Андай учуру бааланбайт, баркталбайт. Эч ким элес албайт, пайда-матасыз, олжосуз эки ортодо калат. Үзүрүн көрбөй, арасат жолдо болуулары көп. Ушундан улам ушул макалдын чыкканы билинет.
«Колдо бар алтындын баркы жок». Албетте, алтын бардык түстүү металлдардын эң кымбаты, өтүмдүүсү. Андан өтө асыл нускалар жаралат. Деле колдо турган алтындын баркы, наркы кантип артылбасын, бааланбасын. Ал байлыктын чордонун түзөт. Мында айта турган ой башкада, көбүнчө пендечиликке карата багышталат. Айрым адамдар укмуштай эрдиктердин тузуна татыйт. Зор натыйжаларга ээ болот. Бирөөлөрдөн айырмалуу ийгиликтери бар. Тирүүсүндө ага назар ташталбайт. Жарык дүйнөдөн көчөт. Оо, бир чактары анын элеси, эмгеги кайрадан эл алдына козголот. Барктай, даңктай башташат, буга мисал көп. Макалдын өтмө мааниси мына ушундай…
«Чүкөсүн бөлөк жыйнап». Кыргыздарда чүкө оюндары көп. Бирөөлөр утат, бирөөлөр уттурат. Уттургаңдардын чүкөлөрүн уткандар өзүнө менчиктеп жыйнап алат. Албетте, бул оюндун шарты. Өтмө маанисине келсек, олжого ортоктош, оюнда өнөктөш болгондор кээде өзүнчө жыйнап, башкаларга тап жылдырбай, беришпей калат. Ынтымак-ражадан бөлүнүп чыгат. Кеп кыябы так ошондо өзүмчүлдөр, жекече байлыкка умтулгандар тууралуу болууда.
«Тегин жерден өрт чыкпайт». Арийне, ар нерсенин чыгуу зарылдыгы, муктаждыгы, мүмкүндүгү, кокустугу жаралат. Бир нерсенин жаралышы үчүн экинчиси себепкер, андан өрт чыгышы да ыктымал. Өрттөп таштоочу учур да болот. Бул макалда мына ушундай шарттарга тогоп, айтаар сөз, адамдардын жашоо-тиричилигинде карасанатайлар, көралбастар жолугат. Жамандык кылуулар, ж.б. терс көрүнүштөрдүн чыгуу себептери бекеринен эмес, сөзсүз анын төркүнү бар өңдүү ойлорду эл өтмө мааниде туюнтуп атат.
«Аш ичсең, акылың менен». Сыягы, кийинки чыккан макалдардан болушу керек. Ошон үчүн мунун өтмө мааниде эки түшүнүгү бар.
Ичкен ашың сиңимдүү болсун, макирөө кылба, тамакты макирөө кылуу, ал арам тамак дейбиз. Буга кошумча бирөөнүн эмгегин жеш, коомдук мүлккө кол салыш – бул да арам, макирөө тамак.
Макал арак-шарапка барып такалат. Арак ичүүд ө жагымсыз сөздөр козголот. Кер-мур айтышуулар, урушталаштар жүрөт. Улуу-кичүүнү көзгө илбөөлөр бол от, Ошон үчүн ушул накылды эрксизден айтууга туура келет.
«Алып алтоо болбойт, берип бешөө болбойт». Бул – ич ара катнаштыкты, санаалаштыкты билдирет. Мындай мамиледе эки тараптын бирин бири түшүнүүлөрү, алышбериште алардын ыраазычылыктары, тең кароолору. Ынтымак-ырыска мындай сапат, төтөн, куда-сөөктөрдүн, дос-тамырлардын, т.а., катышы бар адамдардын арасында болот.
«Адам болуш аста-аста, айбан болуш бир паста».
«Адам болуу баарынан артык». «Атанын баласы болгуча, адамдын баласы бол» – дейт. Демек, эң эле кымбат жердик – адамзат. Андан улук, кереметтүү, касиеттүү нерсе жарык жана жалган дүйнөдө жок. Ошончолук улуу нерсенин изден тайбай төрөлүшү, чоңоюшу үчүн убакыт, тарбия-таалим ж.б. сапаттар зарыл. Анан барып, адам атка татыктуу болот. Ошондон соң, «адам болот деген ушул» деп түшүнөбүз. Муну ачып көздү жумгуча булгап айтуулар чыгат. Бир сөз менен ал «айбан болду» деп коёт. Буга «Кожо болуу кырк жылда, пенде болуш бир күндө» деген макал даана үндөшөт.
«Мал бир жуттук». «Байлык колдун кири», «Кедейлик кемтик эмес» (макал). Албетте, Кыргыз ата малы-жаны менен мактанат. Малды боор этиндей көрөт. Мал – байлыктын ата башы катары каралат. «Карынбай малга тойбоптур, Улукман жашка тойбоптур» – дешет. Жыл жакшы болгондо мал төлү менен дүркүрөп өсөт. «Малым бар» – деп мактанат. Жут жылдары койчумандар жалгыз таягын кармап калат. Ага кардын калың түшүшү, көчкүнүн болушу, колдо тоюттун жоктугу, малдын жерден от ала албай калышы, көк мээ, ылаң, сакоо, саролко, котур, карасаң, түйнөк, кара жамаа, кара өпкө ж.б. дартка чалдыгышы – баары биригип келип, «жут» деп айтылат. Ушундан мал кырылат. Ага да кайыл эл: «Баш аман болсунчу, мал бир жуттук» – деп коюшат.
«Жакшы мал – жанга аралжы». Күлүк, жорго, омоктуу, аркалуу мингич, сүттүү уй, эгизчил жандык, кыскасы, короо ичинен көзгө бөтөнчө көрүнүп турган малдан чыгаша чыкса, кыргыздар: «Бала-бакыранын башына садага, ушунуку менен кырсыктан, балакет-балаадан оолак калалы, мындан ары мал-баш эсен болсун», – деп ага кейип-кепчишкен эмес. Бул макал өтмө мааниде да, оң мааниде да ушундай элдик ырым-жырымды туюнтат.
«Жарга жамаачы болбо». Адатта, адамдар бири-бири менен аласа-бересе үчүн доолашат. Моюндарына коюуга ич ара жүйөлөшөт. Ошол шартта үчүнчү адам ортого кийлигише түшсө, бирөөсүнүн талабын талашса, жогорудагы сөз өтмө мааниде колдонулат. Мунун экинчи түшүнүгү: «Куюшканга кыпчылган боктой болбой ары турчу, сенсиз деле өзүбүз чечишип алабыз», – деп коюшат.
«Үйүндө кашык айран жок, кызынын аты Жууратбек». Сөз өтмө мааниде айтылууда. Жуурат – сүттөн уютулган айрандын өтө коюу түрү. Андан сүзмө куюлат, курут кургатылат. Жууратбек – негизи эркек балдарга энчиленүүчү ат. Кызынын атынын Жууратбек аталышындагы кайманалык, демек, ичээрге, жээрге эчтекеси жок туруп, дымагынын өйдөлүгүн какшыктоо менен көрсөтүүсү. Болгондо да кызынын ысмын эркек балдарга теңеши аркылуу туюндуруу мыскылдын күчү болуп эсептелет.
«Бекер кепин табылса, өлмөккө даяр». Сөз төркүнү өзүнөн өзү түшүнүктүүдүр. Бирөөлөрдүн тамак-ашын тартынбай душманча жеп-ичүү, даяр оокат-кечелерин аябай урунуучу, аларга аярлоо сезимин болгузбоочу, башкалар аркылуу бекер табылган нерсени чабылгандай пайдалануучу пенделерди ж.б. биз айтпай кеткен мына ушундайларды элибиз кепинге, болгондо да бекер кепинге салыштырат, сөөктөн өтмө кылып айтышкан.
«Бир кемпир бир кемпирди «кыз» дейт». Мусулман элдин шартында «ат тергөө салты» аябай өнүгөт. Кайыната, кайын эне, кайын эже, кайын ага, кайын ини, кайын сиңди, кайын жезде, кайын жеңе өңдүүлөрдүн энчилүү аттарын айтуучу эмес. Келинди эшикти аттагандан тартып кайын энеси баары-жогу менен ирээттүү тааныштырып, кимдерди тергөө тууралуу таалимдейт. Келин келгенге чейин төрөлгөн ымыркай бала да атынан айтылбай, адатта, кичине бала, эрке бала, кичине кыз, эрке кыз, жээн кыз, бөлө кыз деп аталуучу. Демек, келин келгенде өзүнө жашташ же улуу болсо да, сөзсүз тергейт. «Кыз» деши зарыл, алар тең карыйт. Ал ошол кыз аталышы бойдон айтылып кала берген…
«Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр». Жарды-жалчы ат күтсө, аңги болушу ыктымал. Албетте, үйүр көрсө токтоно албайт, аттай болбойт. Кишенеп тыбырчылайт, мамыны кажыйт. Үйүрдү да айдап, желедеги айгыр менен алыша да, маташа да кетет. Жалгыз мингичинин мындай болушу, ээсин убарага салат. Арийне, бул – чындыктын бир чети. Эми өтмө мааниси жүрүм-туруму ар дайым атасын эл ичинде сындырган, баш билгисиз бир үйдүн жалгыз баласына карата да айтылат. «Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка отшош» сымал терс макалга бул үндөшө түшөт.
«Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун». Касапчы – малды, аңды, кайберенди, деле, жан-жаныбарды союунун чебери. Бул макал өтмө мааниде айтылууда. Мисалы, колдогу малды союуда, мууздоо, терисин сыйруу, мүчөгө ажыратуу, бузуу, жиликтөө, устукандоо өндүү жолдору бар. Мында сөз кыябы ошол ыкмаларды ирээттүү, таза, нарктуу, бири-бирине ооштурбай аткаруу жөнүндө болуп отурат.
Деле бети келген ишти так, төп, даана, маңдай жара абийирдүү, адилеттүү майын чыгара аткарган адамдарга карата да айтылат.
«Төө кыядан өткөн соң, оо, дегени курусун». Тоо-таштарды, адыр-белестерди аркалап, көчмөндүү турмушту баштарынан дымактуу өткөрүп жүргөн кыргыздарда үйдү чечүүдө, көчтү жүктөөдө, каркырадай болуп көчүүдө, суу чайпалтып кечүүдө, өзүнчө шаңы да, кыйынчылыктары да боло турган. Төө – көчтүн малы, төө – дөө малы. Боз үйдүн кереге-ууктары ж.б. жүктөрдү бир гана көтөрө баса берет. Ашууларды ашат, тайгак кечүүлөрдү, тар жолдорду тайгаланбай таасын өтүүсү үчүн: «Аюу так!», «Аюу так!», «Аюу так!» – деп кыйкырып, унаага дем берилүүсү. Бул «аюудай» так басып өт дегени. Эми мунун өтмө маанисине келсек, бирөөлөргө бир иш берилет. Аны аткарууда убадалашат. Бирок ал иш учурунда аткарылбайт. О, бир топ убактан соң убададан жанып, аны создуктуруп барып өтөөгө аракеттенгендерге карата ушул макал айтылган.
«Өңдү көрсө, жүз таят». Адамдын бери караса жүзү, өңү көрүнүп турат. Жүз көрүшүү, жүзүн көрсөтпөө, тик карабоо, артын салуу-салбоо сымал салттуу жагдайлар бар. Жүз – пенденин жарык маанайы. Ушуга карата да мүнөз, ички дүйнө аныкталат. Бул макалдагы сөздүн мааниси башкага бурулат. Бирөөлөрдүн бирөөлөргө иши түшөт. Айрымдар аласалуу-береселүү болуп да калат. Карыздар өнө албай, аны өндүрүү кыйындаган учурлар да бар. Көзү бардагы, көзү жоктогу мамилелер бирдей сезилбейт. Адатта, өңдү көргөндөгү байланыштар бирдей болбойт. Адам жүзүн көрсөткөн соң, береселүү адам тайсалдай түшөт. Берүүгө моюн да сунат. Убарачылыгы бар жерге өзүн барып тындыруу керек. Кеп оролу мына ушул тууралуу болуп отурат.
«Жакшыны жатым дебейт, жаманды өзүм дебейт». Адамзаттын жашоо-тиричилигинде жакшы-жаман эгиз айтылат. Экөө тең мыйзамченем. Жамандар да, жакшылар да чыгат. «Бул – жаман урган менин жакыным, бир боорум, ал жакшы» – дечүбүз. «Башка уруктан, элибиз, жерибиз башка»… Албетте, минтпейбиз. Жакшылар кандай жүрсө да бардыкка бипбирдей. Аны элдик киши дейбиз. Төптүгү, тактыгы, акылы, ар-намысы аркылуу кимдин болбосун сүймөнчүлүгүнө айланып барат. Макалдын маани-жайын ушундайча түшүнүүгө болот.
«Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот».
Атан төө – бычылган, чоң төөлөр. Жайытын жеп, эт алган чакта алар да чоң-кичинесине карабай тайрактап, оюн салат, маташат, ойношот, үркүшөт. Тайлак төөлөргө эки-үч жаштагы төөлөр кирет. Эми макалдын өтмө маанисине келсек, бул адамдарга багышталат. Өзүнүн улуучулугун туйбагандар. Бала-бакыралар менен теңтуш-тели болгондор. Ошолордун арасында, м.а., «сакалын сүйрөп», обу жок иштерге баргандар, теңтуштай кажылдашкандар. Уят-сыйытты жыйыштырып койгондор, арак-шарап ичүүчүлөр, демек, ичип алышып өйдө-төмөн сүйлөөчүлөр. Кээде мушташуулар ж.б. терс жактарга ушул макалдын мазмуну бап келет.
«Эрди кудай ураарда, элүүсүндө жаш болот». «Эр ортону – элүү жаш, элүү – жаштын туу чокусу. Андан ары алтымыш, жетимиш, демек, «мыш» деп коёт. Ал – карылыкка баш коюулар. Мына ушул эр ортонунан соң ал жаш ургаачыларга тийишсе, баласынан кичүүлөргө сөз катып теминсе, а мүмкүн, алып да алса, өзүн сыланкороздонто кармаса, дайыма жаштыктын кеп-сөзүн сүйлөсө, сүйбөгөнгө сүйкөнсө, айрым адепсиз уландардай жүрүм-турум болуп ажыкызданса ж.б. жаш өзгөчөлүгүнө жат жагдайлары болсо, ушул макал ошондойлорго ылайык келет.
«Жаманды кудай не албайт, жаткан төөгө мине албайт». Төө жатпайт, «Чөк!» – деп, чөгөрүп, тизделет. Тиздөө – чөккөн төөнүн эки тизесин байлап коюу. Анткени төө туруп кетпейт. Төөнү чөгөрүп, жүк артат, же минет. Анан тургузат, ошондой төөгө мине албаган адам – жамандын жаманы, жүүнү бошу, колунан тырнактай да иш келе албаганы. Кишинин эң эле жүдөмүшү деген ойду туюнтат.
«Жаман уул атасы өлгөндө көбөт». Атадан балага мурас калат. Тапкан-ташканы, там-тарагы, мал-мүлкү, ж.б. байлыктарына эгедер ошол баласы болот. Ата жети метр кездеме оронуп, түбөлүк жайына жатат. «Мал-мүлк, т.а., атанын байлыгы балага опо эмес» деген. Атасынын көзү өтөөрү менен уулу байлыкты уруна албай, четинен түгөтө баштайт, арак-шарап ичет. «Кой дечү кожо жок, ай дечү ажо жок», көзүнөн чаар чымын учуп, мас болот, көбөт. Ээлигип-жээлигип, аял алгысы, жарын чангысы келет. Ошондой да кылат. Таманы жер баспайт. Макалды чечмелеп келгенде ушундай түшүнүү керек.
«Келин жаман эмес, келген жери жаман». Келин, босогону аттаган кыз – бирөөнүн келини. Анын да так ошондой кызы – бирөөлөргө келин. Наркы-салты ата-бабаларынан бери болгон үй-бүлө үчүн башына баш кошулду. Чынында, бирөөлөр алмончоктоп чоңойткон баласын башкаларга берип отурат. Демек, ал али жаш, турмуштун ачуусунтаттуусун өткөрүү үчүн дымактанып отурат. Таалими мыкты кайын жеңелер, кайын энелер аны өз боорундай көрүп, ийе тартып, тарбиялап алат. Турмуштук тиричиликтин тигил-бул жактарына үндөйт, үйрөтөт. Алардын ак ниетинде «менин кызым деле ушинтип бирөөнүн бүлөсү болуп жүрөт, ээ?», «Эмне кылып жүрөт болду экен?» ж.б. Албетте, бул үй-бүлө күтүүнүн оң, эң зарыл таасирлери, жолу болуп саналат. Тилекке каршы, айрым кайын энелер ж.б. серпилип турат. Анын кыял-жоругу ошондой, мурунун чүйрөт, көзүнүн агы тескери айланат. Кайын эжеси да, энесинин түбүн ичкенсип, жасаган иштерин жактырбайт. Кайын сиңдиси кадимкидей өч чыгат. Тим жаткан төркүндөрүнө шек келтирет. «Алар мындай адамдар, алар тигиндей адамдар», «Жети атасы тоюнбагандар томаяк», «ушул эмне тарбия-таалим көрдү дейсиң», узун сөздүн кыскасы, макалдын мааниси жана чоо-жайы мына ушундайларга багытталат.
«Келиндин аягынан, койчунун таягынан». Турмуштун жолу ушундай, келин алуу, кыз чыгаруу, тиричиликти жандандыруу, тукумду улоо аракеттердин башаттарынан болуп саналат. «Кызым кандай жерге барат, кандай бүлөгө тушугат. Уулум кандай келинчек алат»… Мусулманчылыкта мурунтан эле: «Маңдайга жазылды» – деп коёт. Келиндин жагымдуулугу, шайдооттугу, төрөп-түшүп, ак этек басып, жабылуу ак инген аталышы – эки тараптын бактысы, таалайы. Бул көңүлдөрүнүн тынгандыгы, сыйурматка эгедер экендиги. Кудалар бири-бирине кадырбаркы артылганы. Бирок макал өтмө мааниде башканы түшүндүрүүдө. Келген келин анчалык оор басырыктуу болбосо, желпинип айылчы аталса, аягы жер баспаса, жүргөн-турганы суюк болсо, желдүү көрүнсө, айыл ичинде тескери сөзгө алынса, баарынан да үйдөгү турмушта октум-соктум көп, чыгаша арбын болсо ж.б. мүнөздөрү билинсе, мында уяттуу сөзгө илинбейт. Койчунун куралы – ыргай таягы. Кээде ошол таяк сырдуудай каралат. Анткени мал-баш эсен болсо, төлү эгиз, жүнү тегиз делсе, койчунун кадыр-баркы артылат. Таяк ак-жолтой туюлат. Кеп төркүнүн элей келгенде ушундайча кабыл алуубуз керек.
«Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру». Ууру мал уурдап келет. Аны алдыртан көрсөтпөй соёт. Этин өзүнүн адамдарына берет. Ошону менен жабылуу аяк жабылуу бойдон калат. Мында: Биринчиден, уурунун этин жешкендер уурудан айырмасы жоктор. Дагы уурдап келүүгө ашыккандар;
Экинчиден, «сорпо ичкен да ууру» – деп, кайып-каскагынан желип жаткандын үстүнөн чыгып, ууру эт экенин байкабай, бейкапар жеп коюучулар. Өтмө мааниде түшүнгөндө, эгер уурунун айыбы ачылып, абакка түшүп калганда, беркини да кошо ала жатуусу.
«Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер». Адатта, кымыз көпчүлүктүн көңүлү түшкөн элдик суусундук. Ал жердин чөбү катары бааланат. Бул тамакты меймандос калкыбыз ичсин, суусуну кансын, каны толсун өңдүү маанайда келбери, жайыл дасторкон келишет. Желе турган айылга, конушка түшпөй өтүү элибиз үчүн эрөөн-төрөөн. Каалашынча ичип, канжыгасындагы кол чаначка байлана кетүү – өзүбүзгө таандык меймандостук. Ушундан улам «кымызды суусаганга бер, кызды сураганга бер» деген туюнтма бар. Кыз бой тартып бешкөкүл болгондон тартып кабарын угуп, көрүп-билишке жолдош-жоролорунан алып, үйлөнүүчү жигиттер айыл аралайт. Кыз көрүүгө атайын аттанып чыгышат. Жактырган кыздарына атаэнелери, ага-туугандары жуучу түшөт. Куда болуучулары ниеттери төп келсе, макулдашат. Үйлөнүү, үлпөт куруу шарты белгиленет… Макалдын кыскача маани-жайы мына ушундай…
«Пайгамбар барга ыраазы, жокко кайыл». Бул – тиричиликте бирде болот, бирде болбойт. Телегейи тегиз жашоого мүмкүн да эместей. Ачтын тогу арыктын семизи, актын карасы, кубанычтын кайгысы ж. б. бир жүрөт. Жарык-жалган дүйнөдө турмуш-жашоо мына ушунусу менен кызык, кумар тутулат. Мында адамзат топук кылуубуз, тобо келтирүүбүз керек деген кеп келеби келип турат.
«Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы». Кыргыздардын мал чарбасы тууралуу накылдары, макал-лакаптары арбын. Малдан алынган азык-түлүктөр – элибиздин жашоотиричиликтери. Малды мал табат. «Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет» – дейт. Ошол маңдайга бүткөн бештүлүктү (төө, жылкы, уй, топоз, кой, эчки (кээде төрт түлүк) дейбиз). Ага төө, жылкы, уй анан кой-эчки бир айтылат. Төлдөтүү, конуш которуп жаздатуу, жайлатуу (жайлоого чыгаруу), күздөтүү, кыштатуу, көчүп-конуу, тоют топтоо, короо-сарай даярдоо, м.а. малды асыроо оңой түйшүккө жатпайт. Демек, тапкан бирөө дейли, ал оңой, ал эми анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, дайыма мал күтүү баарынан кымбат мээнет болуп эсептелет.
«Эшигин көрүп, төрүнө өт, энесин көрүп, кызын ал».
Меймандостукту туюндурган жана салттуулукту шартташтырган бул накылда негизги сөздүн мазмуну эненин кызга күндөлүк таалим-тарбиясына барып такалат. Кыз бала – эртели-кечтир башканын бүлөсү. Жеринен үндөктөлүп барган кыз, кор болбойт. Орун-очок алышы баарынан зарылчылык. Эне өзү да дал ушундай турмуштук тийиштүү жолду басып өткөн. Аны кызына мурастайт. Жакшы үй-бүлө кирип-чыккандарга өзүнчө жылуу сезимди берет. Маданияттуулукка үндөйт. Өзүнчө тартылуу күчкө ээ кылат. Суктануу пайда болот да, мындайлар менен куда-сөөк болгулары келишет. «Энени көрүп кыз өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт», «Аганы көрүп, ини өсөт» өңдүү макалдар бири-бирине таасын үндөшөт.
«Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт». Адатта, иттер сакчы, короочу келет. Дабышты угат, караанды көрөт, же көрбөйт. Ошондой башка иттердин үндөрүн уккан, же көргөн учуру бар. Көргөндөй, уккандай үрүшөт. Макалдагы максат – ушакчылардын, чагымчылардын, куйтулардын, бузукулардын жүрүм-турумдарын өтмө мааниде бетин ача туюндуруу. Бирөө бирдемени угат, бирөө бирдемени көрөт, айрымдар укпаса да уккандай, көрбөсө да көргөндөй башкаларга жеткизет. Ич ара ой-пикир түзөт. Кунарсыз ишеним пайда кылат. Мына ошол кырдаалды үрүп жүргөн итке салыштырып, байланыштырып жа табыз.
«Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят». Кыргыздарда«чоң үй, кичине үй» деп, илгери тууган ичинде сакалдуусуна, башкаруусуна, байлыгына карата ж.б. бөтөнчөлүктөрүнө карата бөлө айтып, ошого карата ызаатташа, сыйлаша турган. Ошол чоң үйдүн ээси уруунун же бир атанын балдарынын башчысы катары бааланган. Андан ыйбаа кылуучу. Мындай айтуу – макалды түз мааниде түшүндүрүү. Ал эми өтмө маанисинде колдоп келүүчү кошоматчылыкка, жасакерчиликке, жагынуулукка барып такалат. Анын өзү эмес көлөкөсүнө жалбаруу сымал кытмыр ойду туюндурат.
«Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт». Макалдын айта турган оюн мындайча түшүнөбүз. Адамда кемчилик болбой койбойт. Ар нерсенин күн тийген жагы, көлөкө жагы көрүнөт. Ушунун өзү оң-тескерисин билдирет. Ток этээр жерин айтсак, пенде өзүнүкүнө караганда, бирөөлөрдүн кемчиликтерин чоңбу, кичинеби тез да, көп да көрөт. Ушул тууралуу сөз баратат.
«Айраныбыз аркан эшет, көбүгүбүз көгөн эшет». Байжарды, бардар-томаяк болуп бөлүнүп турган чактардагы айтылган сөз. Жарды-жалчыларды жыйнап алып, жылкынын куйрук-жалынан топоздун, эчкинин кылтагынан жип-шуу, аркан, аргамжы, чылбыр, кырчоо, жүндөн боз үйдүн боочуларын эштирген. Алар куу кекиртектин айынан бирдеме ичкенине, шам-шум эткенине тобо келтирип, ыраазы боло турган. Аны бай-манаптын, болуш-бийлердин зайыптары биздин айраныбыз аркан эшет, көбүгүбүз көгөн эшет дешип, көкүрөктөрүн бийик көтөрүшкөн.
«Аксактын акырына кара». Бул макалда мындай ой бар.
Бечаранын шартын көр, колдон келсе жардам бер. Акыр – жем-чөп жей турган жылкынын жайы. М.а. мындай адамдардын жашоо-тиричиликтерине көз сала жүр. Акыр – адамдын келечеги, андай адамдар бара-бара оңолот. Эл катарына кошулат. Тирүү адамдан күдөрүңдү, үмүтүңдү үзбө. Т.а. тирүүдөн түңүлбө, «аксактын акырына кара» ж.б. накылдар аркылуу бул ойду терең түшүнүүгө болот. Мында аёо, боор оору сезимдери өтө бийик турат.
«Кум түш кудайыңдан, таш түш таалайыңдан». Сөз мааниси бакыт, ырыс, ак жол тууралуу барууда. Адамзат пендеси маңдайга жазганын көрөт. Ал жарык-жалган дүйнөгө келгенде эле андан аркы көрөөр күнү, ичээр суусу Кудай Таала тарабынан белгилүү болот дейбиз. Бирөөлөрдүн турмуштук жолу кууш, бирөөлөрдүн жолу кең, турмуштук чабыт аларда ошол буйрукту башынан өткөрөт. Өтмө мааниде түшүнүүдө ушундай өз таалайбактыңа кайыл бол, топук тиле, тагдырдын мыйзамы ушундай ж.б. акыл-насаат айтуу жатат.
«Ачууну таттуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз». Кыз бала – жеринен башкалардын бүлөсү. Ал алыс кетеби, жакынга барабы, тагдырынан, буйругунан. Кыргыздар антип жол аралыктарды өлчөп олтурбайт. Жакын арадан эле турмуш тапсын дебейт. Түшкөн жуучу да ага карабайт. Мыкты бүлө үчүн баарына кайыл. Шарттары туура келсе, куда-сөөктөрдүн катташтары, сый-урматтары ж.б. жагдайларына бул анчалык кымбатка турбайт, кадимкидей шартка карата келди-кеттилер боло берет. «Көл башында көп Бугуда кызыбыз бар», «Чоролук саяктар бизге куда-сөөк», «Таяке-тайындары кеминдик, Сарыбагыш Жантайлар», «Кайын-журтум бул эле чүйлүк» ж.б. дайындуу даректердин чоо-жайы – ошол кыздын алыс кетсе да, баарына данакер болушу. Ошентип эки тарапка аралыктар анча мааниге ээ эмес. «Кыз баладай болобу, элди эл кылат, жерди жер кылат, жер тамырынан эл тамыры көп болот. Бирөөлөрдүн тукумун өстүрөт» – сыяктуу кептин төркүнү «Алысты жакын кылган кызга» барып такалат.
«Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт». Төркүнү жакын болсо эле, салган төшөгү жыйылбай калбайт. Сөз кыябында кыздын ата-энелери, ага-туугандары ж.б. жактары чукул турушса, карым-катнаштары баруулары, келүүлөрү, албетте, арбын болот. Күн болобу, түн болобу, эл аягы үзүлбөйт. Төркүн басты, төркүнгө барды көрүнөт. Акырын үй-бүлөлүк шарттуу иштерге бул да тоскоол кылат. Ток этээр сөзүбүз макалда ат тезегин кургатпай, төркүн-төсүнө теминип баруучу, жээлигип туруучу ургаачыларга карата айтылган.
«Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт». Албетте, сагызган – канаттуулардын өтө сагы да, айлакери да, акылдуусу да. Анын бир нече өнөрү, митаамдыгы бар. Тооктун, каздын, өрдөктүн жумурткаларын уясынан билдирбей эки жакты карап, шакылыктап ташып кетет. Аттын жорун көрсө, соорусунан түшпөйт. Тумшугу өтө шиш келет. Сагызган – кыраан куш. Мүнүшкөрлөр сырын билип, кеп жасоо аркылуу таптаса, айбанаттардын көздөрүн чукуп алат. Үндөккө да, тапка да бат кирет. Сагызган жөнүндө жалпысынан мына ушундай мүнөздөмө берүүгө болот. Эми мунун өтмө маанисине келсек, адамдарга багышталат. Коомдук мүлктү отоп-бутап, жепичип тургандар калп эле журт көзүнчө сактанымыш этип, казандагы кайнап жаткан ашка колун салган сугалактар эске келет.
«Элдүү түлкү ачка өлбөйт». Түлкү – айбанаттардын митаамы, айлакери. Адам таппас жоруктары бар. Буйтап да, жазгырып да кетет. Ал оозеки адабияттарда, айрымдардын эскерүүлөрүндө ж.б. жерлеринде да айтып келүүдө. Ал эми адамдарда мына ушундай айлакерлер, акылдуулар, митаамдар көп жолугат. Эл маанектеп, көрүнгөндөрдүн ичи-койнуна кирип, айрымдарды алдап да, кээлерине чын эле жүрүш-турушу аркылуу жагып алат. Өз оокаттарын тың кылып кетүүлөр арбын кездешет, Макал мына ошондойлорго арналат.
«Тогуз катар торкодон, токту акемдин түгү өтөт».
Биринчиден, торко – фабрикада токулган кездеме, түк – теринин жүнү. Сөз жылуулук тууралуу баратат. Тон канчалык кылганы менен катар кийинген кездемеден өтүп кетет. Токтунун түгү бир жашар ургаачы койдон жасалган тон.
Экинчиден, узчулукту туюндуруп турат. Т.а., териден иштетүү менен ушундай кийимдерди жасоонун зарылчылыгын билдирүүдө.
«Адам аласынан, сөз аласасы кыйын». Айрым адамдарга «ала» пайда болот. Бети-колу агарып, түлөп кетет. Аны илгери кандайдыр коркунучтуу катары карашчу. Андай адамдарды айылдан кууп, бир жакка тентитип жиберишчү… Мисалы, атактуу ырчы Жеңижок (Өтө) таластык болгон, бала чагында «ала» болуп, ал Аксы тарапка ооп кеткен. Бул тууралуу акындын өмүр таржымалында маалымат берилген. Адам баласы ички дүйнөнү да, жекече жүрүм-турумду да ачык билдирип калат. Сөздүн мааниси шылып түшөт. Сөз куну кыйын. «Мактоо жеткирет, чагым өлтүрөт», сөз билгендер, даана түшүнгөндөр атынан түшүп берет. «Жылуу, жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат». Сөз аласы мына ушундай… баркка-наркка эгедер…
«Айыл башы болгуча, суу башы бол». Ар бир айылдын сыймыктанары, эли үчүн күйүп-жанып турары, айткандарын аткарып берери бар. Тескерисинче, орой иштерге баруучулары, элине тынчтык бербөөчүлөрү, бүлүнтүп бийлөөчүлөрү да чыгат. Суу башы болуу – суусуз турмуш-тиричилиги жок. Суу сенден башталып агат. Кенен ичесиң, башкаларга суу кордук, сенден кийин пайдаланат ж.б. асыл ойду туюндурат.
«Базары жакын байыбайт». Кыргыздар тоо-ташты, адыр-белестерди аркалап, көчүп-конуп жүргөндүктөн, базар менен анча иши болбогон. Базарга мал айдап барып сатуучулар, пул алып келүүчүлөр, чанда адамдын колунан келүүчү. Көбүнчө Анжиян, Кашкар тараптан кербендер келишип, мал, мал чарба азык-түлүктөрү менен соодасатык жүргүзүүчү. Дүңүнөн карматып жиберүү – өкүм сүрүүчү. Аны үчүн аттанып-тондонуп, алыска атайын даярданып, чыгынып жолго чыгуучу. Сөз маанисин түшүнө келсек, анча-мынча бирдемелери болсо эле базарга теминип, аны ары-бери соодалап, берекесин ого бетер учуруп, пейли тар, күндөлүк тиричиликтерин өткөрүп жатышкандарга карата айтылган.
«Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат». Бул макалга дагы үндөш: «Баатыр болмок маңдайдан, чечен болмок таңдайдан», «Баатыр баатырды көзүнөн тааныйт», «Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт», ж.б. макал жана учкул сөздөр биринин мазмунун бири толуктайт. Жоокерчилик заманда эр-азаматтар өз элинин бейкуттугун сактоодо, мисалы, жылкы тийүүдөн, чет душмандардын айылды чаап кетүүсүнөн, ички аймактык уурулардан, таң каракчыларынан ж.б. күндөсү-түндөсү ат жалында, куш уйкуда, таш жазданып, чырм этпей турушкан. Жалтанбай, тике ителгидей жоону качырышкан. Эр намысы үчүн жүрөктөрүн калкан кылып, эрөөлгө чыккан. Душманын жерине жеткире кууган. Казак-калмактардын жүрөгүнө көк талкандай тийишкен. Кечээки эле тарыхый баатырлар Эр Табылды, Курманбек баатыр, Тайлак баатыр, Жайнак баатыр ж.б. аттары айтылбай калгандар – буга ачык далил. Жоокерчилик заманда доолашуулар, кун төлөөлөр, калыска түшүүлөр, адилеттүүлүктү жактоочулар арбын боло турган. Мына ошондой шартта чечендер тандайынан чаң чыгара сүйлөп, ар кандай кузаматтуу иштерди бара, көзгө сайгандай көрө, имере айтып, ишти жылчыксыз бүткөрө турган. Баатырдыктын кейипкерин уламыштарда Манас баатырга такасак, чечендиктин касиети Жээренче чеченге ыйгаруу менен макал жашап келүүдө.
«Кызга энеден башка төркүн жок». «Эне – кыздын төркүнү» – деп айтылат. Адатта, эне-ата тирүүсүндө бардыгын бирдей көрөт. Кыздары тууралуу бөтөнчө ойлонот, толгонот. Катышы, алыш-бериши арбып турат. Кыз бала төркүнгө келүүсү – баарынан энесин көрүүсү. Жеңежелпилери, ага-инилери деле төркүндүк милдет аткарат. Бирок алар өзүнүн төркүн-төсүн беттейт. Ошолорго кам көрөт, шарт өзгөртөт. Баягы эне бардай кыз кенен-кесир отура-жүрө албайт, бут чоё албайт. Төркүндүн бир татым тузу кемип калат.
«Суроосу жарашса, сөз айтылат». Адатта, эл арасынан куйма кулактар көп чыккан. Алар санжыра сандыгын ачкандар, шекердей аңгеме сөздөрү аркылуу калк кумарын жазгандар, сөз баккандар, кулактын курчун кандыргандар. Сөздү уга билүү менен айта билүүнүн тыгыз эриш-аркак жагдайларын сактоочулар. Таамай берилген суроолор аңгеме сөздүн иче-карын чубай алат. Сөз кадырын билүүчүлөр илгертен эле тилемчиси жарашса аттан түшүп берген.
Болбосо, айрымдар аңгеме учугун өзү саптай алат. Кээлер сөз төркүнүнөн адашып, тык токтоп, оңтойлуу суроо издеп калат. Окуя суроо-жооп аркылуу толукталат.
«Бөйрөктөн шыйрак чыгарып». Бөйрөк менен шыйрактын айырмасы асман менен жердей. Бөйрөк жан-жаныбарлардын ички органы, сийдикти тазартуу, тамакты сиңирүү сымал милдетти аткарат. Шыйрак – бут. Жанжаныбарлар бутсуз баса алышпайт. Демек, бөйрөк эч качан шыйрак болуп бербейт. Макалдын өтмө маанисине келсек, айрымдардын туура эмес жүрүш-туруштарына барып такалат. Т. а., бул жөнсүз нерсени алып барган, башка коошпогон обу жокторду, эби-сыны жок шылуундары туура эмес иштерди «туура» дечүлөр.
«Эр жигиттин ичине, ээр-токумдуу ат батат, катындын ичине карабашыл киши батат». Макалдын маани-жайын оң маанисинде да, өтмө маанисинде да туюндура алабыз. «Катындын ичине карабашыл киши батат» дегени – курсакта бала жатат. Аны эне ичтен жетилтип, убагы келгенде төрөп берет. Ал адам болот. Эненин мээрими, чыдамы, баарына тобокелчи экенин ушул аркылуу билдирип турат, «Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батат» – дегени, тигиге эриш-аркак түшүнүктү берет. Мында да жигиттик пейилдин кенендиги, адамдык айкөлдүгү, теңиздиги, тереңдиги, кенебестиги айтпасак да шарттуу түшүндүрүлөт.
«Желмогуздун кичинеси эң кыйын». Турмушта «желмогуз» бул – деп аныктап айта турган далилдер көп. Бул жомоктордо жолугат. Өтө коркунучтуу, сүрдүү жети баштуу адам, жегич катары сүрөттөлөт. Сөз маанисинде айрымдарды, мисалы, кичине сезилген кишилердин терс жүрүш-туруштарын, кылган иштерин ошол жети баштуу желмогузга салыштыра айтабыз.
«Чөптү кордосоң, көзгө зыян». Көк чөп жан-жаныбарлардын жашоо-тиричиликтери үчүн чоң ырахатты тартуулайт. Аны биз жашыл чөп болуп көрүнсө да «ыраң» деп тергейбиз. Момун, коңур, б.а., бирөөлөргө карасанатайлык кылбаган, өз арбайын өзү соккон адамдарды, өз бетинче оокатын кылып, эл ичинде тынч жүргөндөрдү «Чөп менен суудан башкага зыяны жок» дейбиз. Өтмө маанисинде кээде так ошондой теңиз жандарды кор кармоо аркылуу айрымдар өзүлөрү да жаза көрүп калат. Т.а., алар да чөп көздү сайгандай абалда калат. Макал – бирөөлөрдүн убал-сообун эстей жүр, алардын да кудай-теңири бар дегенди билдирет. Ал эми «сары ичине чөп салып» – ошондой адамдардын жакшылыгын баалабоо, бирөөлөрдүн эмгегин бурмалоо, кайра жакшылыкка жамандык издөө, адамкерчиликти акмакчылыгына алмаштыруу. «Көзүнө чөп салуу», изин жашыруу. Мисалы, эрди-аялдардын бирөөлөр менен билгизбей жагымсыз жактарга, алдоолорго баруулары) ж.б. аркылуу түшүндүрүү-туюндуруу.
«Моюнунан байлаган ит ууга жарабайт». Жетекке көнбөгөн ит тарткынчыктап, кетенчиктеп кеткиси келип турат. Жетекке көнбөгөн, ууга чыгып, уусун алууга машыккан тайгандар (бул да ит баласы) тоодо атчандар менен бирдей темпте катар жүрөт. Ушундан улам бир ишти аткарууда адамдардын да ар кандайы бар. Бирөөлөрү элпек, шайдоот, дагы бирөөлөрү көпшөк жана башкалары кежир, ителеп-сүрөп жатып араң бир жакка жумшайсың. Макал жумуш кылып бербеген, берсе да «тилди тешип» жатып аткандарга арналат. Андайды «моюнунан байлаган итче» деп коюшат.
«Суунуку сууга». Бул – кыскача баяндаганда оңой табылган олжо. Берки маңдай тер, таман акы аркылуу табылган байлыкка караганда жумушу жок болот. Бат эле пайда болгон андай «чокой боолорун» көзүн тез тазалап жиберүүгө адам аярдык, анча сараңдык кылбайт, колдун кириндей карайт. «Кайсы эле эмгегим, мээнетим кетти» – деп. Андай табылгаларга адам өзү март, берешен келет. Сөздүн маңызы мына ушунда турат.
«Тойгондо токтунун эти топурак татыйт». Токту – бир жаштагы ургаачы кой. Анын эти жумшак, козунун этинен анча айырмасы болбойт. Албетте, өтө жегиликтүү да келет. Сөзсүз ичтейи келип, көп жеп тойгон соң, тамактын даамы мурункудай сезилбеши шексиз дечи. Ушуга карабай ичкен тамакка кесирленүүлөр бар. Ал мындай: «чала бышыптыр», «арык экен», «супсак тура» сымал сөздөр ич ара жүрүшү ыктымал. Мунун өтмө мааниси адам тойгондон кийин ошол ичкен тамагына акарат айтуусу. Бирөөдөн бирдемени үзүлүп-түшүп алуу, максатына жеткен соң, аны карабай кетүү да ушуга барып такалат.
«Талаага кетти мээнетим, тартыштым байдын дөөлөтүн». Адатта, байларга, бийлерге, болуштарга, манаптарга, бектерге, хандарга кимдер кызмат кылбаган. Мисалы, алардын малын багуучу, отун-суусун алуучу, жерин айдоочу, чөбүн чабуучу ж.б. муктаждыктарына жароочу кедей-кембагалдар, малайлар эле. Ошолор гана чыдоочу, мээнетти мына ошолор ченебей кылуучу. Бирок эмгек акылары ар дайым ойдогудай алынбай, болушары табылбай, көбү жемин жедирип жиберүүчү. Ушундай эзүүлөрдөн чыдай албай айрымдары байдан тайманбай маңдай терин, таман акысын доолоого баруучу. Дөөлөттүү байлар манчыркап, аларга оңдуу жооп бербей, ич ара нааразылыктар болгондо арызданып барган бийи да байдын сөзүн сүйлөөчү. Бул макал мына ушундайды туюндуруп турат.
«Алма шагынан алыс түшпөйт». Туура, алма мөмөсү шагынын тушуна, түбүнө түшөт. Өтмө маанисин иликтеп келсек, адамдарга, анын ичинде энелерге карата айтылат. Т.а. энеси кандай болсо, кызы так ошондой тарбия көрөт. Эненин нускасы, таалими балага да өзүндөй жугат. Кыз бала бирөөлөрдүн бүлөсү болгондуктан, барган жеринде анча адептүүлүктү үйрөнбсө, төркүн-төскө наалат айттырып коёт. Мындагы сөз оролу ошол жакка чаап отурат.
«Керегем сага айтам, келиним сен ук». Кереге – боз үйдүн жыгачы, кереге канаттары жайылып, үй тигиле баштайт. Кайын эне, кайын атасы уулунун зайыбын, колуктусун «келиним» деп айтат. Мунун каймана маанисинде, керегени карап айткан сөз адамга багышталып жатат. Шарттуу, алгылыктуу кеп-кеңештерди, акыл-кенчтерди келиним укса, үйрөнүп калса, оң таасирлерге бурулса, жүрүш-турушун да кадимкидей алып жүрсө, жаман жакка баспаса, адамдарга баш-көз болсо, үлгү көрсөтсө ж.б.у.с. ой-тилектерин ыроолоо, сыпаттап айтуусу.
«Кыздын сыры төркүнүнө маалым». «Кызды тууйт, кылыгын туубайт». Табигый идиреги, тубаса маданияты барлар башкараак болот. «Көргөн-турганы жаман» дейбиз. Анын таалим-тарбиясы ошондой. Ата-энеси, үй-бүлөсү, тегерегиндегилер кыздын кыял-жоругун билет. Кызы турмуштанганда төркүн санааркайт. «Эмне күндү көрүп жүрдү экен?» Мына ушул өңдүү сыпатты билдирет.
«Жолоочуну ээрчип ит өлөт». Жолоочу – сапар чегүүчү. Андайларды кээде ит ээрчип алат. Анын каңгыган ит экенин билет. Билип ээрчитип барып, ит кылып алышы да ыктымал, Ооба, бардык иш ойдогудай боло бербейт дечи. Макал талапсыз, максатсыз эле бирөөлөргө кошулуп жүрүүчүлөргө, аны ээрчип алуучуларга карата айты лууда.
«Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту». Кул – бирөөлөрдүн үйүндө бирдемелерин кылып, өз эркинен ажыраган пенде. Куйрук – койдун куймулчагындагы май. Жайдары койлорду «чагарак куйруктуу», «капкак куйруктуу», «жаргылчак куйруктуу» ж.б. салыштырат. Кыргыздар жүнү кылчыктуу койлорду көп асырап, куйруктуу да, бышык да, ирдүү да, нарктуу да болуп саналган. Мындан «куйрук-боор» туз татытып, куйрукка боорду кошуп жеш. Бул – өтө ширелүү, аш болумдуу элдик асыл тамак. Албетте, мындай даамды ким да болсо эңсейт, жегиси келет. Кул байкуш да бир тойсом дейт. Бирок мында өтмө маани бар. Адамда бирдемелерге жетүүгө, кыялдануулар, куру ойлор, самоолор болот. Андай жакшы тилектер кээде орундалат же соолуп да кетет. Макалдын маани-жайы ушул жагдайды көздөп турат.
«Оосурган кыз, оосурбаган кыздын бетин тырмайт». Албетте, ушундай кырдаалга назик кыз бала тушугат дечи. Кеп башкада, мисалы, бирөөлөр бирөөлөрдүн бирдемелерин өзү уурдап алып, бирөөлөргө күнөө тагуу, өзүнүн кылыгын башкага оодаруу. Ошол назик, жүрүштурушу ак, таза кыз балага бу макалды өтмө мааниде тогоп коюшу.
«Иши оңолордун, ити чөп жейт, иши оңолбостун келини ууру кылат». Ит – жырткыч жаныбар. Ал эч качан чөп жеп жашабайт. Кээде иттер жашыл ыраңды тытмалап, оозуна салып жегендей көрүнөт. А мүмкүн жутуп да коёр. Бирок ал макалдын өзөгү эмес. Келин – кайын журту үчүн, төтөн кайын ата, кайын энеси үчүн өтө уяттуу, абийирдүү көрүнөт. Кыябын келтирип сөз катууда, албетте, ити антсе, келини минтсе, экөөндө тең маани бар. Чынында, келининин колу туткак, бирдемелерди кымтып турса, эл арасы «ууру, колу туткак» – деп айтса, арийне, ал үйдө эмне береке, эмне ыйман, эмне адеп!..
«Кыз бар үйдө кыл жатпайт». Макал өзү эле түшүнүктүү. Кыз бала боорун жерден алаары менен энесине маанектейт. Анын тарбиясы-таалимин аркалап, үй ичин, жүктү, идиш-аякты таза тутат, төшөктү ойдогудай салат, ж.б. башка аракеттерди жасоого дымактанат. Аны алдыртан улуулары нускалап турат. Талаптагыдай тейленген үйдөн улам ушул макал чыкканы белгилүүдүр.
«Бөрү атаар уулду, бөркүнөн тааны». Илгери адамдар баш кийимдерди бийик кийүүчү. Ал шаңдуу көрүнүп «бөрк» деп аталган. Топ ичинде бөркү башкаларга да таанымал адамдар болуучу. Албетте, бул түшүнүктүн бир жагы. Эми негизги мааниси, эл-жерине керектүү эразаматтар бар. Алардын баскан тургандары, башкаларга мамиле, ой-пикирлери, кайда жүрбөсүн ысык сезимдерди, жагымдуу жагдайларды туудурат. Эл-журтуна алымдууларга, камын ойлоочуларга ушундай түшүнүктү берет. Досторуна туу, душмандарына уу болот.
«Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма». Кожо – журт билермандары, ак сөөк адамдар. Негизи дин адамдары молдо, эшендерге тутумдашат. «Кожо колдоп, ажо алдап», «кой деген кожосу жок, ай деген ажосу жок» өңдүү учкул сөздөр айтылат. Сөздүн учугу кожобуздун кейпи бул болсо, ага ишенбей, ар бирибиз өз бетибизче эптеп-септеп оокат кылалы. Көр-тиричиликти өткөрөлү дегенди билдирет.
«Теңирим бир жаадыртса, терегим эки жаадырат». Айрым аймакта: «Теңирим бир жаадыртса, терегим эки жаадырат» – деп айтылат. Теңирим – кудайым, Аллам – Жаратканым, Алла буйрук берет. Ал сөзсүз аткарылат. Сөздүн өтмө мааниде айтылышы бирөөлөрдүн пайда табуусу, экинчи дагы бирөөлөрдүн ошол жерде андан ашык пайда табуусу тууралуу сөз болууда. М.а. казыналык байлык тигил аркылуу өзү-өзүнчө талоончулукка барып такалат. «Терегим бир жаайт» – кеч күздө анын жалбырактары күбүлөт.
«Алгандын бергени бар». Бул аласа-бересеге, алышберишке, катышка, ынтымакка карата айтылат. Кыргызда жамандык-жакшылыкта ич ара ражага келишет. Ар кимдин башына иш түшпөй койбойт. Бирөөлөргө жардам керек. Демек, алсаң анын да ошондой кыйынчылыктарына эртедир-кечтир сен да даяр турууң зарыл. «Бирөөнүн тоогун алсаң, канжыгасына каз байла, торпогун алсаң, кыз шайла». Мына ушундайдан калат.
«Жардынын бир тойгону – орто байыганы». Бул жалган жана жарык дүйнөдө адамдардын жашоолору катмарга бөлүнгөн. Кедей-бай дейбиз. Бирөө бир аз ток, бирде ач, кээде чала тоют менен күн көргөн кедейлердин да курсагы болтойгон учурлары бар. Кептин экинчи мааниси, айрымдардын иши оңдой-берди, бирдемеге колу жетип, бапырап-барпактап турган берешен, пейли кенен чактарын туюнтуу.
«Барга тобо, жокко кайыл». Мындан сырткары буга үндөш «Барда бардай, жокто бечарадай» деген макал айтылат. Албетте, жашоо-тиричиликте бирде бар дүйнө, бирде жок дүйнө, бирде кор дүйнө, бирде бай дүйнө. Ачток, жылаңач-бүтүн, оош-кыйыш жашоолор жүрө берет. Барга эсирбейли, жокко чөкпөйлү, бир калыпта жүрүү – пендечиликтин шарты. Сөз кыябы ушуга барып такалат.
«Карга карганын көзүн чокубайт». Чынында, карга терс мүнөздөгү канаттуулардын катарына кирет. Эмне үчүн тоок тооктун көзүн чокубайт. Анткени каргага терс иштерди аткарган шүмшүк адамды салыштырып жатабыз. Демек, ошондойлор бири-бирине үйүр келет. Ич ара мамиледе болушат. Ичкен-жегендеринин беттерине чыгышпайт. Жашырып-жаап турушат. Жасагандары, жүрүм-турумдары ыплас, экөө ырыскылаш-кешиктеш дейбиз.
«Жакшы ит өлгөнүн көрсөтпөйт». Адатта, ит – адамдын алмустактан жолдошу. Ит – опо дейбиз. Анын тилеги, кыймыл-аракети адамга ырыскылаш. Буга өтмө мааниде жакшы жүрүп, жагымсыз иш кылгандарды салыштырып отурабыз, т.а., жакшы адам жасаган күнөөсүн билет. Билип, топко кошула албайт. Көрүнбөйт, өз арманы өз ичинде жүрөт. Ушундай абалдан карабашы өлүүгө чейин даяр турат.
«Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса». Казанчы – аш-тойлордо кемеге башында болуп, эт-аш бышырууну тейлеп, табак жасап тарттырган адам. М.а. «чарачы-табакчы» деп аталат. Ал этти-ашты кандай тартат. Ага көрсөтмөнү эч ким бере албайт. Макалдын туюнтмасы айрым бийликке келген шылуундардын өз ойлогондой кылып башаламан, элди чарк айлантып туруулары, эмне кылса да өз оюн ашыруучуларга арналат…
«Көтөрүп атка мингизгениң курусун, көчүктөн чымчып алганың курусун». Кыргызда токулгалуу атын алдыга тартып, сол үзөңгүсүнө буттун башын илээри менен колтуктап аттандыруу жөрөлгөсү бар. Албетте, бул – сыпаакерчилик, сыйкордук. Макал башка мааниге чаап турат. Туура, сыйлоо, урматтоо, бардык мүмкүнчүлүктөрүн аябоо өңдүү кыргыз пейили боло берет. Бирок кээде ошондой бири-бирине жасаган меймандостуктардын аягы натыйжасыз болушу ыктымал. Т.а. жасаган жакшылыктары жамандык, татым тузга татыбай калат. Сыйлоо, сыйыруу менен бүтөт. Антип сыйлоодон көрө сыйлабай эле кой, сыйлоо – сыйлоо эмес эле кыйноо турбайбы! деген түшүнүккө келет.
«Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартып». Кыргыздар меймандос, коногуна кой, козу, урматтууларына тай соёт. Арнап кой сойгон конокко, баш тартуу салт. Төш – кыз-кыркындардын каадалуу устуканы. Салттыннарктын бул тарабы түшүнүктүү. Бир маанилүү ишти чымырканып, жакшы баштап, андан ийгилик чыкпай калат. Бирөөлөргө жакшылыкты, адамкерчиликти акыр аягына жеткире кылбастар болот. Т.а. башталган иш ташталат, чалакайымдыкка айланат. Бул үмүттүү нерсенин үмүтсүз жакка айланышы, тескери жакка бурулушу. Ойдогудай ишти ойрондотуу. Макал жогорудагы макалга бир аз үндөшөт. «Кандын үйүндө калтырап жаткыча, кулдун үйүндө кутуруп жат». Албетте, адамдардын жашоо-тиричиликтери бирдей эмес. Мисалы алсак, кан-кул дейбиз. Жөнөкөй адамдар чоңдордун үйүндө буту-колун кенен чоюп отура албоочулук эми да бар. «Үйүр алган жоо атышаарга жакшы», – деп ич ара ык алса, ошонусу менен болгусу келет. Кымтынып-кысталып, өз боюн өзү тарытып, жатып-турганы анча эмес. Өз үйүндөй сезилген орундар кездешет. Отурушпу, аш-тойбу, сыйлуу дасторкон үстүбү, ар ким көңүлү жаккандай жайдын жагдайын кароо зарыл.
«Ичпейм-ичпейм» деп коюп, ичмекей катын түгөтөт, «жебейм-жебейм» деп коюп, жемекей катын түгөтөт». Кыргызда көп ичип-жегенди «соргок» дейт. Эч эмгек кылбай, бирдемелерди өндүрбөй, ичип-жегенди «жатып ичээр», жалкоолорду «жанбакты» дешет. Сөздүн биринчи мааниси мына ушуларга барып такалат. Эми экинчи маанисине келсек, кадимкидей эле бирөөлөрдүн жана коомдун байлыктарына алдыртан беш манжаларын салуучуларга беттелет. Т.а., сыртынан момундай, ичинен жегич, бүлдүргүч, төөдөй чайнаганын билип, жутканын билбеген адамдарга карата айтылат.
«Жаманды мактап койсо, жардан алыс кетет». Мында адамдардын алабармандыктары тууралуу айтылууда. Кээлери алдын-артын билбей дардактап, болгонун чачып жиберүүчүлөр бар. Андайдын сырын билет. Астыртан мактап коюшат. Мактоолор ага жагат да, бүлүнө түшөт.
«Эр төркүнү эшиктен, аял төркүнү төрдөн кайтат». Кыргыздар өтө меймандос келишет. Сыйлоонун жогорку чеги – куда-сөөктөрдү кабыл алуу, сый көрсөтүү. Зайып төркүндөрү төрдөн орун алат. Мал союлат, кетээр-кеткиче урмат-сыйга бөлөнөт. Ал эми эркек төркүндөрү эшикте болот. Аларга кызмат кылат.
«Алдыңкы көч кайда барса, арткы көч ошол тарапка барат». Кыргыздар көчүп-конуп жүргөн журт. Албетте, көч артынан көч ээрчийт. Көч бара-бара түзөлөт дейбиз. Макалдын айтылышын чечмелесек, көч мында ата-эне аракети, андан мурунку чоң аталар, бабалар баштаган салт. Адатта, бала-бакыра ата-энелердин таалими, жолу аркылуу өсөт, өнөт, өзүнчө чабыт алат. Кайда жүрбөйлү өз баба наркын, эне касиеттерин сактайт. Ал ата-эне жөрөлгөлөрүн улоо болуп саналат.
«Алтын чирибейт, аза карыбайт». Алтын – жалтырак металлдардын эң асылы. Аза – өлгөн адамдарга көрсөтүлүүчү зыйнат. Т.а., аза – бата кылуу – ага арнап, мал жетелеп барып (кийин кездеме, акча), кастарлап эртедиркечтир куран окутуу. Арбакка куран окутууда атайын чектелген мөөнөт болот. Кол жеткен кезде өзүңдүн зыйнатыңды жасай бер. Ага анча шашылууга деле болбойт. Эптеп күтүп деген орундуу ойду туюндурат. Мында оңгулуктуу иштерди аткарууда эч качан шашпоо, нышаасына келтире жасап алуу жөнүндө да ой турат.
«Талаа жери кең жер, улуу-кичүүгө тең жер». Сөздүн кырдаалы өзүнөн өзү эле түшүнүктүүдүр. Талаа-түздөрдө жүргөндө, мал багууда, ууга, аңга чыгууда ж.б. адамдар бир чети өзүлөрүн кенен сезет. Жатып туруулары, тамак бышырып ичүүлөрү, от жагуу, казан-аяк жуулары, төшөк салуулары үйдөгүдөй, айылдагыдай болушу ыктымал. Ар кими аттарын өзү жайлайт, өздөрү токуйт. Ар кими уктоочу жайын өзүлөрү оңтойлоштурат. Азык ичүүдө, отуруп-турууда, ич ара анча айырмачылыктары болбойт. Мындайда бирөөлөр бирөөлөргө өз иштерин милдет кылбайт, тең аракетте болушат.
«Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок». Мында акыйкаттык тууралуу сөз болууда. Айрымдар бийлик жүргүзүүдө кара кылды как жарган калыстыкты жүргүзөт да, жалпы элге бирдей алынат.
Урууга, урукка, жерге, аймакка бөлүнүү, өз туугандарына ийе тартуу кедергиси бар. Башкаларды окчундатуу бийликтин кумары эмес. Туура бийде гана өлкөсү өсөт, эли-жери көгөрөт. Жалпы журттун сүймөнчүсүнө эгедер болот. Бий калыс болушу үчүн тегерек-чети акыйкатчыл, ага ак дилден кызмат кылуулары тийиш. Ошондуктан, бийликти жара, жыра тартпоолору өтө зарыл.
«Жүгүргөн албайт, буюрган алат». «Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту». Кыргызда бирдемеге үмүттөнүүсү, «кудай буюруса деп айтуу парз. «Буюрса да, буюрбаса да меники» дештин өзү мусулманчылыкка жатпайт. Бир адам бышып жаткан тамакты: «Буюрса да жейм, буюрбаса да жейм», – деп отурат. «Буюрса жейсиң, буюрбаса дебе», – дейт аялы. Тамак орто бышкан чакта эшиктен эки жасоол кирет да, ал адамды тамак ичирбей айдап кетишет. Суракка алып, оо түн ортосу ченде үйүнө коё беришет. Келип эшикти такылдатып: «Эшикти ач» – деп кыйкырат. «Бул ким?» – дейт аялы. «Буюрса сенин эриңмин!» – дейт эри. Демек, ар иштин адилеттүү чындык, далилдүү жагдайлары гана ошого калыс буюруп турат. Кесир сүйлөөдөн эчтеке тийбейт. Мыйзамченемден ашып түшүп, негизсиз жүгүрүп жүрүш адалдык эмес, арамдык.
«Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр». Адатта, келиндин келиши – ошол үй, бир атанын балдары, урук, айыл, деле эл үчүн чоң жаңылык туюлат. Себеби анын эли-жери, уругу суралат. Каада-салты, келип түшкөн туруш-турпаты, өңү-түсү, үстү-башы, себи, төркүн-төсүнүн байлыгы, б.а., бардык мартабасы түгөл баамдалат. Ошону менен бирге кайын журтуна көрсөткөн сый-урматы, албетте, илгерки шартта «отуз күндүк оюн-шоокто», «кырк күндүк кыңшылатууда» төркүндөрүнүн сый-урматтары ж.б. жактары ошол келин келип түшөрү менен эле биякка дайын болот. Муну аңыз катары айтышат. Келин тоюн кандай өткөрүшөт. Салт-санаалары, кирип-чыгуулары үчүн дайым даңазалуу жактары эсте калат.
«Кемпирди өлгөндө көр». Бул бир кездеги ошол тукумга келип түшкөн келин. Бала-бакыралуу, небере-чөбүрөлүү болду. Ошол жердин тукумун көбөйттү. Жашады, ичээр суусу, көрөөр күнү бүттү. Бул жарык жана жалган дүйнө менен кош айтышты. Эми муну бала-бакыралары, эли кандай узатат. Кыргызда биринчи ирээтте, кайсы малды соёт, кандай кийим илет. Дооран жаназасына эмне коёт, бардарбы же жону жукабы, же аянып калышабы, «туз көмгөндөй» кылып коюштубу? Айыл ичи өзүлөрү баа беришет. Ич ара кеп-сөздөр жүрүп калат.
«Асыл таштан, акыл баштан». Жалтырак темирлердин эң кымбаты алтындан баштап, бардыгы таштан чыгат. Демек, алтын – асыл зат. Сөз оролунда айтканда акыл баштан чыгары да шексиз. Мында: «Акыл жаштан чыгат» – деп да айтылат. Ал да туура, себеп дегенде жаштык демөөр, мээси тунук, алар көп угат, көп окуйт, көптү көргөндөрү бар. Кары унутчаак болуп, алжып кете элек карылар образдуу айтканда «мээлери бөксөрө элек», ж.б.у.с. салттуу-нарктуу түшүнүктү берет.
«Кой чүкөсү коночок болсо, сака кыл, өзүңөн кичик акылдуу болсо, арка кыл». Сака – аркар-кулжанын, кайберендин чүкөсү. Ал чоң болот, аны чийкилей томуруп алат. Т.а., ошол аркылуу чүкөлөрдү атат. Мисалы, «өлдү», «үч таман», «упай» сымал оюндары ушул сака аркылуу ойнолот. Койдун чүкөсүн бышкандан кийин омурат. Эгер кой чүкөсү дайыма «алчы», «таа» конуп турса, албетте, «коночок чүкө» деп коёбуз. Сака ордуна ойноло берет. «Ордодо» ал чүкө «ат катары чабылып», өйдө калчанып турат. Арка (кыр арка), бел арка – өзүнө ишенимдүү адам. Ишти ошонун кеп-кеңеши менен жүргүз. «Белдүү кишим» дегенди туюндурат. Мында макалдын ички сүйлөмдөрү бири-бири менен тогошуп турушат.
«Атың барда жер тааны, атаң барда эл таны». Бала ат жалын тартып минээри менен эле ата-эненин кубанычы артылат. Азыр деле эркек бала малга-башка тээк болот. Илгери «ат – адамдын канаты» аталгандыктан алыс-жакында аш-тойлор, таң-тамашалар арбын. Аларга сөзсүз ат менен бара көрө турган. Андай жагдайлар балага унутулгус элес калтырган. Албетте, эл көргөн, жер көргөн бала укмуштарга күбө болгон. Кагылат-согулат, таалим-тарбия алат, бирөөлөргө таасирленет. Айрым үлгүлүү жагдайларын, ошондой жердеги оң каада-салтын, үрп-адатын бала өзүнө сиңирет. «Жер тамырынан эл тамыры көп», жакындары чыгат. Таанышуулар, достошуулар, илгери-кийин кайын журт, куда-сөөк күтүүлөр, ж.б. байланыштар өөрчүйт. Аттан ат тандап, баласына арнап, айыл аралатуу – аталык камкордук болуп саналат. «Жер тамырынан эл тамыры көп». Адатта, жер үстүндө өсүмдүктөр арбын. Алардын тамырлары туташып, тытышып тарамдала берет. Сөз эми эл тамыры тууралуу баратат. Чын-чынында, кыргыздардын асыл салтында бул андан да көп. Дос-тамыр, куда-сөөк, теңтуш-тели күтүүдө, айыл аралап жүрүүдө, баары бир барган жерде жок дегенде бир тааныш чыгат.
«Билек бир, манжалар башка». Манжаларга – баш бармак, сөөмөй, ортон, аты жок, чыпалак кирет. Баш бармак – бадалеки сүйрү баш, ортенек чекилик, ой баласы солтоной, кичинекей бөйтөнөй, буудай куур, буудай куур деп, алаканын кытыгылап, бөбөктөрдү эркелетүүчү. Муну чечмелөөдө билек бир, мисалы, кыргыз элин – билек десек, манжалары – бугу, сарбагыш, саяк сымал урууларын, бир атанын же уруктун укум-тукумдарын түшүнүп, ушундан улам «сөөм-сөөм, карыш-карыш» деп да коёт. Бул – тууган ичиндеги алыс-жакынды аныктап турат.
«Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт». Адатта, жакшылардын, эл көзүндө тургандардын, алсак, олуялардын, акын-жазуучулардын ж.б. чыгармачыл адамдардын эки өмүрү болот. Бирөө тирүүчүлүгү, экинчиси артында анын мурасы калат. Мисалы, ырчы Боогачы, олуя Калыгул, акын Токтогул, манасчы Сагынбай андан аркы-берки атактуулар – өз заманынын пайгамбарлары. Артында өмүрү бар, т.а., артында өлбөс-өчпөс из калтырышты. Макал мына ушуга жооп берет.
«Устанын уузун билгиче, темирдин суусун бил». Уста– темирчи. Кара уста тууралуу сөз болот. Усталардын узу – эң мыктысы, айлакери. Ким кандай уста, анын жасаган буюм-тайымы айтып турат. Ал кармаган жердигине байланышат. Темирдин ар кандай түрлөрү бар. Ошол темирди кантип сугаруу керек, мисалы, болотту дароо сугарса, «чорт» деп ыргып кетет. Демек, аккан суунун да ченемдүү курчу бар. Сугаруу ошого шартташат.
«Буттан мүдүрүлгөн турат, тилден мүдүрүлгөн турбайт». Кыргызда «ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө», «бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы», ойлобой сүйлөгөн айыкпас ооруга чалдыгат» сымал макалдардын маани-жайы бирдей. Анткени сөз кыйын, чагып коёт, чагымды пайда кылат. Сөз куну устарадай ойду алып түшөт. Илгертен эле сөздү угууга, сүйлөөгө татымдуу айтууга мыкты болуучу. Жакшы сөз – жан эритээрин, начар сөз жан кейитээрин, кээлери сөз билгилиги үчүн сый-урмат көрөөрүн, «сыйга сый, сыр аякка бал ичээрин» баалап келишкен. Көңүл калды сөздөн адамдар канчалык асылкеч болсо да, бирибири менен катышпай калат. Себеп – сөзүнөн кетирди, таалуу жерине батыра, жеткире сөз катып койду…
«Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат».
«Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт». Демек, ал канткени менен алыстап кетпейт – баары бир түбү бирге болгон соң айланчыктап кайра эле келет. Жанга баткан нерсени айтып да, какыс-кукус кылып, улуулары кичүүл өрдү сабап да коё алат. Анын тууган ичинде эрөөнтөрөөнү жок. Эчтекке эмес: «Улуусу кичүүсүн ушинтип уруп коёт» дейбиз. Ага кек сакталбайт. Канткен менен каны бир. Эчтеке кыла албайт. Бул – кыргыз ынтымагы, тууганчылдыгы, болуп келаткан көрүнүш. Ал эми душман башкалар, каны-жаны коошпогондор, тигилер өз болсо да, булар өзгөлөр. Душман десе эле каршылашкандар, кыл чайнап кыжынып тургандар эмес. Алар сый адамдар катары түшүнүүбүз тийиш. Бир сөз менен айтканда, бирибирин сыйлоо аркылуу жагымдуу, ак тилектүү ойлорун билдирип турушат. Мына ушинтип, туугандай өктүм-сөктүм мамиле кыла албайсың, т.а., сый кишиден, сый сөз угасың, сый-урмат көрөсүң.
«Атаңды өлтүргөнгө, энеңди алып бер». «Эр чекишпей, бекишпейт». Албетте, адамзат турмушунда өкүнүчкубаныч, жыргал-куурал… оң-тескери, жаман-жакшы көрүнүштөр аралаш жүрөт. Ошондо кыргыз эли канчалык кек сактаса да, айкөлдүгүн, адамкерчилигин, меймандостугун жогору коёт. Атасын өлтүрүп, энесин аялдыкка алып алгандар турмушта бардыр-жоктур… Эл ичин кек аралабасын, ак ниет жашайлы деген ой. Муну элде сыйдын чеги жоктугун, мына ушуга салыштырмалуу айтылып жатышы катары түшүнөбүз.
«Адамзат – бир сырдуу, миң кырдуу». Адамдын бир сырдуулугу – чоң касиет. Туруксуздар ар дайым өзгөрүлүп, шартка карата кубулуп турат. Андайлар «хамелеондон» айырмасы жок болот. Ошондуктан бир сырдуулук – асыл сапат. Ал эми «адамзатка алтымыш өнөр аздык кылат» – дейт. Миң кырдуу деген мына ушуну туюндурат. Эгер акын, жазуучу, сүрөтчү, комузчу, инженер, ырчы, табыпчы, балбан, мүнүшкөр, саяпкер ж.б. өнөрлөр бир эле адамдын керт башында жукса, албетте, ал анын көп кырдуулугу, терең сырдуулугу, көпчүлүктүн көзүндө туруусу, адамзат суктанаар айлакердиги.
«Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт».
Албетте, мал семиргенде мүнөзү өзгөрүлө түшөт. Борсук – кашкулак, демек, мында өтмө мааниде адамдарга карата айтылууда. Кичине мансапка тура калса, дене байласа, жылкы кыялдар бар. Жанына жан адам теңебейт. Сирпилдеп бирөөлөрдү жактырбайт. Өзүн өзгөлөрдөн жогору коёт.
«Карынын сөзүн капка сал». Журт карыткан кадырман карыялардын акыл-ою, басканы-турганы алтынга барабар. Аракеттери аркылуу элге дайын. Айткан накылдары менен көпчүлүккө үлгү. «Карыя – акылы терең дарыя» дейбиз. Кийинкилер так ошондой болуу үчүн анын кеп-кеңештерин өзүнчө кенч катары кабыл ал, мээге түй, ошондой болууга дымактануу керек.
«Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн».
Адатта, бийлик, байлык кумары башкараак сезилет. Чоңдуктун илебинен «нан бышат». Азуусу айга жанылат, айтканы эки болбойт. Туура, туура эмес сүйлөйбү, адилетсиз деле сөз айтабы, жеринен мансаптуулардын оозунан чыккандарга сын тагуу, ачык каршы чыгуулар болбогон. Бай, манап, болуш, бийлер, улуктар, чынында бардарлар. Куу турмуш баары бир, аларга көз каранды кылбай койбойт. Сөздүн төркүнү мына ушунда болуп жатат. Оозунан жаман сөздөр чыгат. Жинденет. Ошонун баарын шордуу эл көтөрөт.
«Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың». «Уяда жаткан балапан, асманда учкан куш болот» (макал). Албетте, бешиктеги бала эртеңки эр-азамат. Айталык деген ой – тарбиялоо, таалим берүү, таасир көрсөтүү ошол балтыр бешиктен башталат. Кандай адам болору, куш кантип чабыт алары ошол чактан баамдалат. Уядагы балапанга эмнени жегизсе, эмнени жесе, эмнени көрсө, атасы, энеси, агасы, эжеси ошондой жолго баланы үндөктөсө, билгенин кылат. Ошондой өсөт. Жакшы атанын баласы, жакшы эненин перзенти деш мына ушундан пайда болот.
Адамзат турмушу бир калыпта болбойт. Баары баштан өтөт, чыдоого тийиш. Жакшылык, жамандык, актык, каралык, оң-тескерилик эриш-аркак турат. Ага эр-азамат муюбайт. Ал тирүүчүлүктүн парзы. Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет. «Кедейлик – кемтик эмес» сымал макалдар буга үндөшөт.
«Обу жок аял орсок уй саайт». Албетте, ар ким табылган саанын саайт дечи. Орсок – эгер эчкиде эки эмчек болсо, бирөөсү жоктугу. Уйда төрт эмчектин бирөө-экөөсү кемдиги – орсоктугу. Сөздүн өтмө мааниси – кээ бир ургаачылардын баскан-турганы, кылган иштери, кийимкечелери башкаларга өтө өөн учурайт.
Адамдардын жалпы жүрүш-турушу жашоо эрежелеринен тышкары серт көрүнөт. Өңү-башын өзгөчө боёнуп, модалуу кийинип же жүргүзгөн аракеттеринде, сүйлөгөн сөздөрүндө олдоксондук баамдалат. Макал, кыясы, ушуларга карата айтылса керек.
«Улукка пара бергиче, бара бер». Улук – мансабы бар адам. Пара – кошоматчылык. Кызмат айласы үчүн ага берген мал-мүлк, акча ж.б. «Чоңго чоң аягыңды көрсөтпө» – дейт. Ал улам берген сайын алкымынын арааны ачылып, «дагы берсе, дагы алсам» дейт. Обору кетет. Сени түгөтүүгө чейин барат. Пара сунуудан түтпөй да кетесиң. Арийне, алардын колуна түшпөөгө далалат кылуу керек. Айла-амалыңды түгөтөөрү бышык. Айрым жону жукалардын улуктарга, чоңдорго иши түшсө өтө кыйын. Берүүгө эчтекеси жоктор мындай шартта пара ордуна бара берүүгө туура келет. Сөздүн кыябы «бара бер, бара бер, акыры тажап, ишиңди орундатаар» деген маани кетет.
«Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат». Кыш киргенде кар түшөт, эрибей жатат. Жаз келет, кар жаайт. Ал кар – суу кар. Аны «сары кар» дешет. Узун сарынын кары ал түшөрү менен жаздын жылышынын илеби аркылуу бат эле эрийт. Мурунку жаткан кар ошонун жардамы менен кетет. Ал эми кандын башын кан жутары кан калыс болбосо, эли-журтуна каардуу, кайрымы билинбесе, калк казынасын өзү түгөтсө, башкаларга таратса, кыжырлануу пайда болот. Шылтоого шыноо болуп, хандыктан түшүрүүгө эл жапырт аттанат. Арадан бирөө кан көтөрүлөт.
«Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет». Токмок – жыгачтан жасалган, башы тоголок, жалпак, сабы бар, казыкты жерге уруучу курал. Кийизден казык болбойт. Өтмө мааниде алганда өкүмчүл бийлик ээлерин токмокко, кол алдындагы бечараларды кийиз казыкка салыштырууда. Кийизди жерге кагуучу беле!? Мында бийликтин, өзүмчүлдүктүн күчүн билдирүүдө.
«Угаар жерге сөз айт, сиңээр жерге суу сеп». Сөздү угуу – сөздү айта билгендей чоң өнөр. «Эмне сөз уктуң?» – бул кыргыздардын нарктуу суроосу. «Эмне кеп бар?», «Кандай жакшы сөз эшиттиң?» Албетте, булар нарктуу суроолор салт катары ата-бабадан бери карай жашап келүүдө.
«Өнөр алды кызыл тил». Тил – бардык катыштардын зор каражаты. Тилсиз – өнөр өнүкпөйт. Тил сөөгүнө жеткирет, чучугуңдан өткөрөт, тырмакты тешет. «Чапса билекке, айтса жүрөккө». Адабий тил – өнөр алды ж.б. сапаттары бар.
«Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы». Албетте, ат шайдооту, ат кашаңы бар. Бул оң мааниде түшүнүктүү, бирок бирөөлөргө сөздү бир гана айт. Ал илип алат. Айрымдарга бир нече курдай бир эле сөздү айт. Оң кулактан кирип, сол кулактан чыгат. «Куйма кулакка куйса болот, акма кулакка айтса болбойт». Т.а., жаман менен жакшыны салыштырмалуу туюнтуп турат. Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт дегенге барабар.
«Акылдуу отко карайт, акмак казанды карайт». Кыргыздарда: «Ашың болбосо да, кашың болсун» – дейт. От тамызуу, аны дайыма бирдей ичкериштирип, өчүрбөй түтүн кылбай күйгүзүп отуруу – адеп. «Оту күйбөйт» дегени, «Адамга жылдызы, жакшы маанайы жок» дегени, ж.б.у.с. чоо-жайы бирдей. Макалдын мааниси адамдын казандагы ашка сугалактыгына, чала бышырып жешине барып такалат. Жакшы адам аштын даана бышышын самайт.
«Акылдуу ишине ишенет, акмак түшүнө ишенет». Арийне, дайыма иш кылган адам менен түш көргөн адамдардын жашоо-тиричиликте алган орду, көргөн натыйжалары бирдей эмес. Мында эпкиндүү менен жалкоону салыштырууда. Ишке ишенүү – эмгекке ишенүү. Түшкө ишенүү – желди жутуп отуруу. Баарынан куру жалак калуу.
«Калем менен жазган жазуу, балталасаң да өчпөйт». Чын-чынында, ал да кези келгенде өчүшү мүмкүн. Сөз кыябы, жакшылык менен жамандык гана өчпөйт. Унутууга болбойт. Эске сактап жүрүү керек. Аны адамдык парз катары түшүнөбүз. Көңүл тагы – түбөлүктүү деген ойду айтат.
«Билбейм деген бир сөз, билем деген миң сөз». «Көрбөдүм деген бир сөз, көрдүм деген миң сөз». «Билем-билбейм», «көрдүм-көрбөдүм» макалдын мааниси мындайынан түшүнүктүү.«Көрдүм, билем» дегенде адам сөзгө-кепке чалынат. Суракка, түшүнүккө кабылат: «Үү дебеген үйдөй балакеттен кутулат». Т.а., мында адам супсак көп сүйлөбөй, сүйлөө, сөздү чанжыратпоо, айтуучу ойду так, төп, калыс, даамдуу, уккулуктуу айтуу тууралуу баратат.
«Акыл коошот, билим жугушат». Акыл, билим бир айтылат. Биринин маанисин, сапатын бири толуктайт. Акылдуудан акыл аласың, билимдүүдөн билим жугузасың. Биринин жарлыгы бирине тиет. Ошон үчүн мыктылар өзүнүн: күч-кубатын, бай тажрыйбаларын, акыл-оюн шакирттерине берет. Артынан ээрчитет. «Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети», албетте, буга өтмө мааниде түшүнүк бере алат.
«Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат». Түшүнүктүү адамдардын күчтүүсү «күрөштө» бирди жыгып, балбан аталат. Билимдүүлөр элди тарбиялайт, окутат, билимин берет, бири-бирине жугат. Алардын жазган китептери көпчүлүккө нуска болот. Генийлердин, акылмандардын ж.б. эмгектери баарыга таралат. Андан илим жаралат. Алар акыл кенчине айланат. Академиялар, университеттер, институттар пайда болот.
«Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат». «Токтогул кетип, төр калды, Эшмамбет кетип эл калды» (Коргоол ырчы). Макалда элдин-жердин улуулугу, ыйыктыгы, түбөлүктүүлүгү жөнүндө сөз кыябы баратат. Кимдер келип, кимдер кетпеген. Жарык жана жалган дүйнөдө адамзат – бир келген конок. Ата Журтта, Жер энеде буйруктуу жашоо! Тиричиликтерин өткөрүп, табияттын жандуу аракеттери өзгөрүп-өнүп, бирде толуп, бирде бөксөрүп, өтө берет. Кеп-сөздүн күчү мында уюткулуу элиңди, жериңди, киндик кан тамган Ата Мекениңди унутпа. Ошолор барда адамсың, бу дүйнө эч кимге опо болбойт де гени.
«Жакшы аял (зайып) жарым ырыс». Өмүрлүк жар, жубайлар, эрди-катын, абышка-кемпир, карыя-байбиче ж.б. сыпаттоолор эриш-аркак тууралуу ондогон макаллакаптар, учкул сөздөр, уламыш-болумуштар бар. «Эраял (зайып) үй куту», «Зайып жакшы – эр жакшы, вазир жакшы – кан жакшы» ж.б. мааниси бир, мазмуну терең, уңгусу бекем. Турмуштан калпынып алынган мындай аныктамалар жөнүндө акындардын ыр саптарында таасын, кеңири баяндалат. Зайып сапаттарына көп кырдуулук кирет:
Биринчиден, эрине өйдө карабоосу, каяша айтпоосу, ал анын сылыктыгы, сыйдалыгы, ыймандуулугу, изааттуулугу. Оболунда жүрүүсү, бул мусулманчылыкты урматтоосу.
Экинчиден, ыплас жакка баспоосу, эринин көзүнө чөп салбоосу. Ала жипти аттабоосу. Шайкелең-шаттуу көрүнбөөсү, эринин кызыкчылыгын баарынан жогору коюусу.
Үчүнчүдөн, көпчүлүк орундарда, түптүү жашоодо элдик каада-салтты, үрп-адатты кармап, сактап, жактап, анын мыйзам чегинен чыгып кетпөөсү, отуруп-турушу, сүйлөө маданияты;
Төртүнчүдөн, тазалыгы, тамак-ашты бышыруусу, малсалды тейлөөсү жана саашы;
Бешинчиден, тиричилигин кармоосу, бала-бакырасын үндөктөөсү, тарбия-таалим берүүсү, калп айтпоосу, төптүгү, калыстыгы. Аталарын үйдүн куту, табышкери, панакери катары кароосу;
Алтынчыдан, бул жарык-жалган дүйнөдө өмүр сүрүп, узак жашоодо, кайын журтуна алынуусу, ал сапаттары аркылуу төркүн-төсүнүн, өз элинин баркын көтөрүүсү;
Жетинчиден, иштүүлүгү, узчулугу, албетте, бул сапаттарга эгедер аял элдеги далилдүү чындыктай начар эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти эң жакшы, т.а., эл башы, журт атасы, тон жакасы кылып ташташы…
Арийне, эр-жигит да зайып, жар, үй-бүлө күтүүнүн жалпы өлчөмүн билген шартта гана жогорудагы кырдаалдар дал өзүндөй сакталуусу…
«Эр сыйлаган эшикке жатпайт, ат сыйлаган жөө баспайт». Эр жигиттин жана аттын сапаттары жашоотурмушта эгиз, эриш-аркак айтылат. Элин-жерин, атажуртчулугун баарынан жогору койгон жана ошол элдин сүймөнчүлүгүнө эгедер. Кары-жашына алынат, бирдей таанылат. Калың калктын кароолунда турат. Демек, алар – элдик адамдар, жанагы «эл мыктылары», «калк жакшылары». Кыя өтпөй сыйлап, урматтап, астейдил болуп турушат. Төрдүн төбөсүнөн орун беришет.
Ат – эрдин символу. Эр жигит минген атынан көрүнөт. Жоорсуз, семиз, сылап-сыйпап, өз убагында жемичөбү даяр, «жанга өлчөлүү жалгыз ат» кылып жабуулап минсе, эр азаматтын канаты. Качсаң кутуласың, куусаң жетесиң…
«Пайгамбар барына назир, жокко кайыл». Мында топукчулук тууралуу сөз болууда. Алсак, Мукамбет пайгамбарым дүйнөкапар дешет. Ачка-токко чыдамдуу, ток болсо көтөрүлбөгөн, ачкада мүңкүрөп калбаган пенде аталган. Ток күндөрү ыйлоочу экен. «Эмне ыйлап жатасыз?» – десе. «Ушул токчулуктун ачы болот» – дептир. Сөз мааниси бардын жогу бар, ачтын тогу бар, актын карасы бар, жыртыктын бүтүнү бар. Баарына кайыл, топук тилеп жүрүү – тирүүчүлүктүн парзы дейт.
«Жаш улук эмес, ажал улук». Адамзат өлөрүн, бул дүйнөдөн кайым болорун билет деген менен кайсы жылы, күнү кимден кийин-мурун кетээрин түк билбейт. Жазууда улам карыганы кезеги менен кетсин деген болумуш жок.
Жаратылыштын мыйзамы мына ушундай. Нечен карылар алмончоктой жаштарды көрүп, аябай кейийт. «Ушулардын ордуна биз өлсөкчү, кудай албай койбодубу?!» – өңдүү өкүнүчтөр пайда болот. Арийне, бул уюткулуу журтчулуктун карылык наркы. Аёо, күлгүн жашты сыйлоо, акыры чындыкка моюн сунуу…
«Кол кудайдын мөөрү». Мөөр – орусча «печать», ар кандай кагаздын тууралыгына калыстык кылуу. Илгери калк жапырт сабатсыз эле. Болуш-бийлер иштин далили үчүн башбармагын сыяга сүйкөп, кагазга баса турган. Демек, мунун негизги мааниси бирдемелерди убадалашып, адамдар анын аткарылышы үчүн шап кол кармашат. Ага бирөөлөрү күбө өтөт. Андыктан, кол алышкан экөөнүн колуна өз колун кошот. Ал «экөөнүн колун кести, бирибирин танып кетишпейт. Кимде-ким танып кетсе, кудайым карап турат. Кол – кудайымдын мөөрү, каргышка калышат, бышмана төлөшөт» өңдүү түшүнүктү берүүсү.
«Көз көркөк, кол баатыр». Аткарыла турган эмгектин көлөмүн көргөндө адам кооптонот. Анын баарын аткаруу кыйындай. «Кантип бүтөбүз» дейбиз. Аны баштоодо да заарканып турабыз. Акыры чымырканып ишке киришебиз. Чекесинен иш-аракеттин арышы көрүнөт. Натыйжасы чыгат. Ошондо ушул макал эске түшөт.
«Куу алган кушта эмне сын». Куш – кыраан канаттуулардын бири. Ак куудан кичине болот. Өзүнөн чоң көрүнгөн аңдарды ала алат. Ал чындык. Эми сөз маанисине келгенде эрдиктин да, элдиктин да эң мыкты тузуна татыган, азуусун айга жанган эр-азаматтарга, жигиттерге, т.а., бир мерчемдүү эмгек өтөгөн, атагы Ааламга, даңкы далайга кеткен ата-уулдарга, эне перзенттерине карата айтылат. Ага эч кандай кеп-сөз жок. Ал өз милдетин ойдогудай өтөп бүткөн деген калыс түшүнүктү камтыйт…
«Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот». «Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» – деп да айтат. Туура, бул адамдын дээрине байланышат. Көптү көрсө, көптү укса, ошол көргөндөрү-уккандары накылгаакылга бай болсо, аларды өзүнүн көкүрөгүнө тутса, м.а. ошого кулак төшөсө, көңүл койсо, өз боюна сиңирсе, иш жүзүндө айта жүрсө, албетте, көсөм көрүнөт, чечен сезилет. Бул элден алуусу, элге берүүсү.
«Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт». Аяк– кырма идиши. Кыргыздардын жыгаччылары кырма идиштерин ар кандай көлөмдө кармашат. Кер аяк – сыйымдуулугу бар аяк, жыгач идиштери сырдалуучу, ичи-сыртына оюм-чийимдер түшүрүлүүчү эмес. Башка элдерден келген жыгач идиштери кооздолуп, сырдалып, сатууга өтүмдүү болуп келген. Албетте, эскиргенде анын сыры түшөт, муну биз тике мааниде түшүндүк. Адамдардын мүнөздөрү, жүрүш-туруштары да ар кандай болот. Жаш чагында зыңкыйып келбетине келгендер карыганда, карыя-байбиче аталса да, ошол көркүнөн, наркынан, салтынан, үлгүсүнөн жазбайт. Аяктын сыры – анын жаштыгы, аяктын сыны – анын карылыгы, жакшылар дайыма адам бир калыпта жүрөт дегенди туюнтат.
«Тай секирип, такка чыкпайт». Тай – бир жаштагы жылкы баласы. Так – хандар отуруучу ардактуу орун. Албетте, тай эч качан секирип, андай жайга чыкпайт дечи. Мында адамга таандык түшүнүк келүүдө. Т.а., кичинекей бала кан боло албайт. Ал андай иштерди аткарууга жаштык кылат сымал түшүнүктү берет.
«Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз,
Шакылдаган келинди үй чечкенде көрөбүз». Кыргыз баласы үчүн беш түлүк мал күтүү, жайыт которуу, көчүпконуу, жайлоочулоо ата-баба сөөлөтү болгон. Кой-эчки эгиз багылган короодо жаткан, жылкы төштө, уй кермеде асыралган. Каркыралуу көрүнүп көчүү, суу чайпалтып кечүү, кайда дейли элибиздин дымагы эле.
Кой-эчки тукумун эркеч-текелер баштаган. Суудан тартынып турган короону ошолор шар кечип, беркилерге жол көрсөткөн, кечмелик тандаган. Боз үй – кыргыздардын турак жайы. Аны көтөрүү (тигүү), чечүүнүн, жүктөөнүн, сактоонун өз-өзүнчө татаал ыкмасы бар. Сарамжалдуулук ургаачылар андай аракеттерге аттанып түшкөн. Узун сөздүн кыскасы, кимдин кимдиги так ошондой албан иштерде көрүнөт, сыналат деген ой жатат.
«Таңкы куйруктан азыркы өпкө». Өпкө койдун ички органы, куйруктуу койдун куйрук майы. Албетте, экөө эки башка сапаттагы эт тамагы куйрукту ардактуу насип дейбиз. Андан «куйрук-боор» тамагы жасалат. Курсак ачкан чакта тандалбайт. Деген менен мында өтмө мааниде – бүгүнкү ийгиликтүү иштин натыйжасын эртеңкиге калтырбайлы, азыр эле бүтүрүп, үзүрүн көрө баштайлы деген ойду айтып турат.
«Дубанадан айбашы үмүтөтүп…» Дубана – кайыр, секет суроочу пенде. Айбашы – айттын мурунку күнү. Айттоого даярдык көрүү учуру. Кыяпаттоодо колунда жок адамдан колунда барлар уятын жыйыштырып, бирдеме суроого умтулуусу. Т.а., ошондой пенделерден да байлык жыйноо нысабына баруусу, көздөгөнүн алуусу.
«Төртөөң төп болсоң, төбөдөгүнү аласың, алтооң ала болсоң, алдыдагыңы алдырасың». Төп, төптүк – бул калыстык. Төбө – бийиктик. Макалдын маани-жайы, ынтымак болсо төбөдөгүнү, эң бийктегини аласың. Ага колуң жетет. Ынтымагыңар болбосо, канчалык көп болсоңор да, куру жалак каласыңар дегенди билдирет.
«Койлуу катын куйрук жейт, эрдүү катын таяк жейт». Эски макалдын чоо-жайы мындай – койлуулар куйрук жеши талашсыз дечи. Сөздүн чордону эрдүү катын таяк жеште баратат. Албетте, бир үйдө казан-аяк кагышат. Үй ээси эркек болгон соң, ал аялын башкарууга бардык тараптан укугу бар. «Эрди-зайып урушат, эси жогу болушат» – деп да коёт. Эрдин таягы аял үчүн эчтеке күнөөгө арзыбайт. Аны катыны көрүлө жүргөн адат катары билүүсү тийиш. Муну жашоо-турмушта кайталана берүүчү, кек сактабоочу, кечиримдүү болууга үндөөчү жөнөкөй жорук деп түшүнүүлөрү зарыл. Негизи эрди-катын урушпай, талашып-тартышпай жашоолору баарынан керек. Ынтымак ырыска шерик.
«Адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң». Үйүр – жылкылардын өзүнчө тобу. Бир айгырдын ээлик жылкылары. Ошондуктан, бир айгыр үйүр жылкы дейт. Айгыр адашып кетсе, непаада, күнчүлүк жерден агытсаң да келээри бышык. Мында да адамдардын үй-бүлөчүлүгү тууралуу сөз баратат. Ток этээр жерин айтканда, эрди-аял урушат, талашат, тартышат, таарынышат, ажырашат, кайра табышат. Жашоо-тиричилик калыбына келет. М.а. «ачылгандын айыбы жок, кайра өзү жапкан соң» болот.
«Чала молдо дин бузат». Түшүнүктүү, ар бир ала-теле иштелген иштин сапаты анча жарамдуу болбойт. Үнөмүн бербейт, үзүрүн көрсөтпөйт. Арийне, молдо дин ээси, акылдын көзү, Кудай Тааланын өкүлү, пайгамбардын элчиси катары эсептелүүчү. Ага анча шек келтирүүгө болбос. Чалакай акыл-ой, жарым-жартылай жасалган буюм-тайым, аракет-алымдын натыйжасы, адамды анча алым сындырбайт. Сөз төркүнү ошол тарапты чалып отурат. Иш колунан келбейт. Келчүлөргө бербейт.
«Бузулган элге бучуктан аким». Аким – бийлик ээси. Элин-жерин адилеттүү башкарууга чама-чаркы келбеген, же калкына каарлуу, ичмекей-жемекей, элин эзип, отопбутап жиберүүчү, кексе, өзүмчүл жетекчилер болот. Туура багыт бере албагандыктан эли чачылат. Ич ара араздашат. Аралары ачылат. «Эшегине карата тушагы». Ынтымак кетет, ыдырап тентийт-тербийт. Аны баш коштура албаган, бирөөгө баса караган башкаруучунун бучук болбосо да, бучукка өтмө мааниде салыштырып атат.
«Адамдын өзү тойсо да, көзү тойбойт». Адам пенделиктин жолунан тайбайт. Бири-бирин көрүп бирдемелерди жасап жатса, атаандаша калат, ошондой натыйжаларга жеткиси келет. Байлык адамдын аң-сезимин, ой-пикирин эл алдында көрүнөө бузат. Анын артынан томолонуп кетүүгө даяр. Бир дүүлүгүп кеткен соң, ал кайра тартпайт. Ал адам өзүмчүл болуп, өзгөлөрдө болбосо, өзүмдө эле болсо деп калат. Дагы байысам, эл-журттан айырмалансам – мына, көздүн ач көздүгү. Т.а., адам тамакка тоёт, байлыкка, бийликке тойбойт. Ошон үчүн «Карынбай малга, Улукман жашка тойбогон». «Адам топуракка тоёт» – деп айтылууда.
«Усталардан дат калат, молдолордон кат калат». Уста– темирчи, кара уста тууралуу сөз болуп отурат. (Зергер, жыгаччы, мүйүзчү, таш чегүүчү – булар да устага кирет). Дат – темирге жугуучу, убакыт өткөн сайын темирдин эскилигин билдирүүчү сары боёк сымал пайдасыз неме. Демек, усталардын узанууларында өзүнчө из бар. Кайсы кылымдардагы буюм-тайым экенин ошол дат аркылуу билебиз. Т.а., ошол чеберден мурас, нуска, үлгү, керез, таберик калды дегенди туюнтат. Молдо – арабча сабаттуу адам. Ал жаза да, дин китептерин которо да билет. Демек, сөз мааниси түшүнүктүү чыгар…
«Чегирткенин алын көрүп канын сор». Турмушта алдуулар бар, алсыздар, начарлар бар. Беш кол тең эмес, мында кайрымдуулук тууралуу түшүнүк билинет. «Аксактын акырына кара» дегендей бирөөлөрдөн, жону жукалардан, оорулуу-сыркоолуулардан, майыптардан ж.б. бей-бечаралардан, кедей-кембагалдардан дооңду кеч. Басмырттаба, үстөмөндөбө, кайра ая, колуңдан келүүчү жардамды бер, катарга кошо жүр, ал соопчулук болот – сымал ойду айтат.
«Карын ачса карындаш изде». Адам баласы каш менен кирпиктин ортосунда эмнелерге тушукпайт. Алыс-жакын сапар чегет, ай-талаада да, кудай жолунда эмнелерди көрбөйт. Ач-ток болот. Карайлап, эл маанектөө көздөн учат. Ошондо айыл ичине барып, илик-жарма издейт. «Жер тамырынан, эл тамыры көп» болуп сураша келсе, ал бирдемеси көрүнөт. Андайда бир жерди маанектеп барып түшүп, кудай конок болот.
«Бербестин ашы бышпас». Бирөөлөргө бирдеме берүүдө, бирдеме алууга тийиш болсо, өз учурунда бериш – аласа-бересени создуктурбоо адамдык сапат. Берүүчү нерсени жаздан күзгө созуу, демек, берүүгө да, бербөөгө да кылган кош көңүлдүк болуп саналат.
«Берген жоомарт эмес, алган жоомарт». Бул -дыйканчылыкка карата айтылат. Жер эне бермет тер төксө, эр эмгегин жебейт. «Оп, майда» айтканда: «Оп, майда, оп, майда, кызылдары бизге пайда, топондору сизге пайда, берген март эмес, алган март» – деп кызыл кырман маалында кызылды сапырууда, темин басканда айтылат. Алгандын бергени бар. Жер эне берешен дегенди айтат.
«Берешен колум – алаган». Бул – адамдардагы алгылыктуу сапаттардын бири. Бирөөгө сурагандарын бере да, бирөөлөрдөн сурагандарыңды ала билүү – адамдык сапат. Жигитчиликтин жакшы түрү. Демек, адамдардын бирибирине ишенимдүүлүгүн билдирет. Тактыкты, төптүктү туюнтуп турат. «Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум» – буга үндөшөт.
«Берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы, жесең да май жакшы, жебесең да май жакшы». Эмне болсо да бардарчылык жеңет. «Бар жаман эмес, жок жаман» – дейт. Ошол сымал бар болуп турса, эртедир-кечтир кереги тиет. Адам болгон соң, пайда-зыяны бирдей, экөө үзөңгүлөш жүрөт. Байдын бергени – кудайдын бергени. Адам баласы дайыма эле дүйнөсү түгөл эмес, бирде бар дүйнө, бирде жок дүйнө, ошого кайыл, топук жүрүүсү тийиш.
«Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун». Бөдөнө – кекилик, чилден кичине адал, «бытпылдык» деп сайроочу куш. Касапчы – малды мыкты союучу адам. Сөз мааниси бирдемени жазса да, колунан иш тамган, шаанисине келтирүүчү, көзгө көрүнүүчү, көңүлдө калуучу, маңызына чыгаруучу адам жасасын деген ойду билдирет.
«Букарда пулу бардын көңүлү ток». Мында макалдын мааниси топукчулук тууралуу болуп отурат. Барга назир, жокко кайыл, адамдын ак дили билинет. Сугалактык кылбоо, сукулдак аталбай, болгон байлыкта ыраазычылыкта жашоосу. Букар – Букара, Өзбекстандагы ири шаарлардын бири. Пул – акча, тыйын. Кыскасы, каниети барларга макал арналат.
«Бычакты берсең, кындап бер». Бирөөлөргө бирдеме берсе, ак дилден, кынаптап берүүсү зарыл. Мисалы, кыргыздардын ата салтында бирөөлөргө бирдеме тартуулоодо сыйлоону ийине келтирет.
Абалы, ага арнап коюн, тайын соёт. Коңогун сыйлоодон тап жылдырбайт. Шартына жараша алдына ат тартат, үстүнө чепкен жабат. Атты айрым шартта жетелетиши да мүмкүн. Бирок жайдак эч качан мингизбейт. Ээр-токумун токуп мингизет, камчысын колуна карматат. Атайын узатып чыгышат. Демек, телегейин тегиз кылып жөнөтүшөт.
«Сая албаган ийне тандайт, саптай албаган учук тандайт». Бул – узчулукка байланыштуу чыккан. Буюмтайым жасоо, учуктуу ийне кармоодон башталат. Учук кармоонун да, ийне саптоонун да жол-жобосу, эби-сыны бар. Айрымдар учук учун чыгара албай, «ооп» (учук учун ээрдин тийгизип, суулап, шилекейлеп) кайра-кайра убара болушат. Макал колунан иш келбеген, чеберчилиги жок, чоркок ургаачыларга карата чыгарылган. Ошон үчүн эне кыз баланы жеринен узчулукка үндөктөп, барган жеринде «эчтекеге эби жок» деп, акарат сөз болбогондой кылып тарбиялаган.
«Саяпкер жарашса, жаман ат жарышка кошулат». Саяпкер – күлүк таптоочу, жарышка кошуучу. Жабагы – алты айлык кулун. Мүнүшкөр – алгыр куштар: ителги, куш, турумтай, ылаачын, борбаш сымалдарды таптап, ууга салуучу. Жагалмай – алгыр куштардын бири. Шумкар – ителгиден чыккан өтө кырааны. Сөз төркүнү түшүнүк түүдүр. Турмушта балабы-чоңбу, эр-азаматпы, ургаачыбы таасир-таалими мыкты адамдардын аркасында тарбия көрсө, ошонун сөзүн жерге таштабаса, акыл-кеңеш укса, пир тутса, эч кор болбойт. Баланы башынан тарбиялоо зарыл. Терс аяктар да, жалкоолор да, жүдөөлөр да ж.б. начар сапаттары барлар да оң катарга кошулат. Улуу турмуш жолунан ордун табат деген ой айтылууда.
«Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет». Бир нерседен көөнү калса, ал ошол жакка кайра баспайт. Сактанат. Дагы ошондой иштерге малынбайын деп, жалакай болуп калат. Бышкан сүт ысык кезинде оозун күйгүзгөнгө салыштырат. Айран эч качан кайнабайт эмеспи. Экөө тең сүт тамагы. Бул өтмө мааниде кооптонууну, шек саноону, ишенбөөчүлүктү туюнтат…
«Сынбасты уста жасабайт, өлбөстү кудай жасабайт». Уста катуу буюмдарды кармаган чебер. Ар кандай темир, жыгач, мүйүз, сөөк, таш буюмдарын, үлгүлөрүн, нускаларын жасайт. Адам төрөлөт, өсөт, өлөт, картаят дегендей, уста кармаган нерселер жасалат, колдонулат, шарты келсе сынат, бүлүнөт, жоюлат, жоголот. Адамдар да жарык дүйнөгө келет, жазганын көрөт. Жашоо бар жерде, жок болуу бар. Бар нерсе баары бир жок болот. Бул – табияттын мыйзамченеми.
«Темирди кызуусунда сок». Адатта, отко көөрүк аркылуу үйлөп, күжү күйгүзүп, темирди кызыл чок кылып эритип, анан сомдойт, кайыштайт, ийлейт, ийине келтирет. Муздак темирди, минтип, ойдогудай эбине алуу кыйын… Кеп башкада, ар бир ишти өз учурунда кыябын келтире, нышаасына чыгара бүтүрүү. Т.а., бүтүрүүчү ишти эртеңкиге, кийинкиге калтырбоо керек. Айтыла турган кеп-кеңешти өз кезинде айтып калуубуз тийиш.
«Тон жылуусун ээси билет». Тон – жандыктын, кийиктин түктүү терисинен тигилген сырт кийим. «Тон көп кийилсе, жылуусу кетет» – дейт. Адатта, үй ээси дейли, бала-чакасынын, үйдөгү малы-жанынын, ал турсун тууган-уруктарынын, айылдаштарынын сырын, ал-абалын, кулк-мүнөздөрүн талаптагыдай тааныйт. Ошого карата алды-бердиси, кимге кандай мамиле жасашы ыктымал, макал мааниси ушул жагына чаап турат.
«Уздан учук артат». Уз – жумшак буюм-тайымдарды кармоочу чебер. Бардык иш ийне аркылуу бүтөт. Бычып-тигүүдө өөн-бучкак чыгат. Кээде жердиктен артып да калат. Кимдин буюм-тайымын жасап жатса, ал буюм ээси артканын өзү деле берет, аны бирдемеге уз жаратып алат. Бул салт жеринен бар. Калган өөн-бучкактардан (өөн – кездемеде, бучкак – териде болот) курак буюмдары жа ралат.
«Устадан шакирти өтүптүр». Шакирт – устанын көмүрүн өчүрүүчүсү, көөрүгүн басуучусу, күжүсүн күйгүзүүчү, б.а., жардамчысы. «Жүрө-жүрө көбөйтүп, жүгүргөнмүн тайымдан» дегендей, таалим-тарбия жаш чактарынан оң таасир берүүчүсү аркылуу күлүктөн күлүк чыгат, өнөрдөн өнөр жаралат. Устадан уста, уздан уз таралат. Биринен бири үлгү алат. Заманына карата канткени менен жол көрсөткөн адамы ага сыймыктуу, сыйлуу насаатчысы, ардактуу адамы болуп, ошол бойдон кала берет. «Эсепчини да жут алат». Илгери ай-жылдардын кандай болорун алдын ала айткан элдик астрономиктер да жаралган. «Бул жылы кыш жылуу, жаз каат, жайы салкын болот». «Жем-чөп камдагыла, кышынын моюну узун келет». Тескерисинче, «мал-жан кыштан оюн салып чыгат», «үрөндү түштөн мурун сеп, түштөн кийинки үрөн үшүп кетет», «эртең кечинде күн жаайт», «түндө үшүк алат» ж.б.у.с. боолголорду алдын-ала берүүчүлөр, билүүчүлөр болгон. Албетте, андай айтуучулардан да жаза кетүүлөр бар. Аны журтчулук «эсепчини да жут алат» дейт. Жут – малга-жанга каатчылык келген учур.
«Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн». Ат араба бар, өгүз араба бар. Ат араба өгүз арабадан ылдам жүрөт. Жол арбыйт, өгүз араба кылдырап, жай жүрөт, мүмкүн болушунча жер арбыйт. Ошого карата иштери бүтөт. Турмуш өзү араба, эптеп-септеп көр тиричилик, күйпүл жашоо өтө берет. Демек, ушундай жагдайларга моюн сунуп, өзүңүн күнүңдү өзүң көрө берүүң керек. Кара жанды кыйнабай, алынып-жулунбай, иштеп эмне кыласың, акырын өнөктүгүң, өтө берсин, анча эле жинигип кайда барасың, кай муратка жетесиң деген ой жатат.
«Жалкоого күн кечкирбейт». Жалкоо – эч бир нерсени жасоого моюну жар бербеген бекерпоз адам. Жатып ичээрлер, жанбактылар, жел жутуп отургандар. Албетте, андай адамдардын жашоосу өтө супсак болот. Адам эмгек этсе, бир нерсеге шыктанса, ал бир тарапты беттесе, кызыгуу аркылуу көзгө көрүнүүчү, көңүлгө тете болуучу бирдемелерди жаратса, анын убайын, үзүрүн көрөт. Аларга убакыт жетишпейт. Күндүн батышы, таңдын атышы тез өтөт…
«Тууй элек уйдун уузун күтүп». Ар иштин башталышы жана аякталышы бар. Аткарылуучу жана аткарылбоочу аракеттер болот. Бир максатты көздөгөн адам анын натыйжасына ишенет. Талапсыз эле, айкын максатсыз эле ай караган текедей болуу, эч качан ийгилик алып келбейт. Болбогон эле иш үчүн талаптана берүүдөн майнап чыкпайт.
«Балам, балалуу болгондо билээрсиң». Ата-эне балалуу болгондо өз ата-энелеринин баа жеткис эмгегин, түйшүгүн, баркын билет. «Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада». М.а., ар адам өз баласы үчүн кам көрөт. Өмөчөктөйт. Аны дүйнөгө алып чыккан ата-эне аргасыздан ушул макалды айтууга мажбур болот. Бала – ата-энеге милдеттүү. Бирок кийинки чактары кайрымсыздар арбын, «ой, эптеп жашап кетсин, өз оокатын өзү кылсын» дечүлөр баладан бирдеме үмүтөтпөйт. Кайра ата-эненин колун карайт. Ата-эне кыйбайт, а бала өзүнүн балдарына да ошондой мамиле кыла баштайт.
«Атын атаса, куту сүйүнөт». Куту – мүйүз, жыгач, темир сандыкча, үкөкчө. Ага алтын, күмүш же анын нускалары салынат. Куту – «кут» дегенден келип чыкса керек, себеби кут түшүү бакыт. Бактылуу болуу – ошол үйдүн пейили. Ар үйдө кут бар. Ал үй-бүлөнүн бирөөсүндө болот дейт. Ошонун көзү өткөн соң ал үйдөн кут качты дейт. Эми макалдын маанисине келсек, ач адамдарга карата да айтылат. Кандай шартта жүрбөсүн адамды адамдар катарга ала жүрүүсү, ал тууралуу жакшы пейилде, каада-көңүлдө болуусу. Анын адамкерчиликтерин айта эскерүүсү, унутта калтырбоосу.
«Беш кол тең эмес». Беш кол – беш манжа: бармак, сөөмөй, ортон, аты жок, чыпалак. Булардын ар биринин аткара турган милдеттери, салыштыруулары бар. Узункыскасы бирдей эмес, адамдардын жашоо-турмушу так ошондой. Кулк-мүнөздөрү, өңү-түсү, бою-ою, аткара турган иштери, жүргүзгөн аракеттери ар кыл. Чөйрөсү да, кийимдери да, ичкен тамактары да, минген аттары да тең болбойт.
Бири момун, бири шайыр, бири токтоо, бири чалпоо, бири сулуу, бири серт… Кыскасы, бири бай, бири жарды, бири ток, бири ач, коёндой окшош күндөр аз. Сөз төркүнү ушул жакта болуп жатат.
«Бир даам таткан жериңе, миң курдай салам бер». Кыргыздар ата салтында өтө меймандос эл келет. Даам таткызат. Жыланга да ак чачып чыгарат. Даам берүү – конок кылууда ак дасторкондун ыйыктыгын сезишет. Бир чактары конок кылганы үчүн ал өмүр бою унутпай, «ушинтти эле» дештин өзү эле адамкерчилик. «Кайдан келди кара эшек, жолдон келди жоор эшек көрбөй, адамдык сапатты сыйлай, урматтай, нарктай, барктай билүүбүз аркылуу байыркы эл өзүбүздүн каада-салттан тайбай ушул күндү көрүүдө…
«Келгенче мейман уялат, келгенден кийин үй ээси уялат». Адептүүлүктүн салтында бирөөнүн айылына, үйүнө барууда адам кысынат, өзүн коомай сезиши ыктымал. Тартына барып түшүү – ыймандуулук. Алабарманданып, айылды аралай чаап, бейтааныш жерге түшүү анча аброй эмес. Үй ээси мейман экенин билет, туят. Чыгып атынан алат. Эшик ачат. Үйгө киргизет. Төргө чыгарат. Ал-жайын сурашкан соң, конок да өзүн кенен сезет, жаркылдап турган үй ээсинен улам денеси жайылат. Эми мейманды кандай коноктойбуз, эмне соёбуз, эт салабызбы, же башка тамак жасайбызбы? Үй ээсин ойлонтот. Коноктун жарпын жазууга, ойдогудай коноктоого бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт.
Кел демек бар, кет демек жок. Ошентип, конок келет кел, деш парз. Эми кет деш уят, өтө олдоксондук. Кыргыз ата антип айтпайт. Сөздү мейман өзү баштайт. Ыраазылыгын берип: «Сапар карыды, эми аттаналы. Кел демек бар, кет демек жок эмеспи» – дейт. Аттанып кетүү коноктордун эркинде болот…
«Коногум өз үйүңдү ойлой отур». Бирөөгө конокко барганда ал үйдүн дасторконуна, сый-урматына, жалпы эле тейлөөсүнө тыңсынбоо, үстөмөндөө керек эмес. Каниет кылып, ыраазы боло отуруу зарыл. Кыргыздар: «Аксактын амарына кароо керек». «Пайгамбар барга назир, жокко кайыл» – дейт. Эң негизи кабагы жарык, болгон ашын ак дилден берип, жылуу жумшак жаткызуу, атын жайлап кадимки адамкерчилигин көрсөтсө болду. Албетте, ыраазы болууга тийиш. Макалда: «Эгер менин үйүмө келсе, мен кантем, кой тыңсынбайын, кудая тобо дейин деш керек» деген ыйман баарынан зарыл.
«Ашыкпаган араба менен коёнго жетиптир». Мергенчилердин айтымында, талаа коёну айбанаттардын күлүгү. Так секирип чуркайт. Бирок коркок болгондуктан бат чарчайт. Өгүз араба, ат араба, эшек араба да бар. Акырын араба кылдырап жүрө берсе, жол арбыйт. «Баскан жолду арбытат» – дейт. Араба сынбасын, ат өлбөсүн, ар ким акырын аракеттене берсе, ал өз оюна жетет. Максаттуу, талаптуу иштеринен акыры натыйжа, майнап чыгарат деген асыл туюнтма жатат.
«Коно жатпай кепке тойбойт, сөөк мүлжүбөй этке тойбойт». Кыргыздар сөздү баркташат. Атайын сөз угууну кумар тутушат. Санжыра, масел, насият айтуучулар кыргыздардан чыккан. Кулактын курчун кандырган куйма кулактар эл арасында көп болуп, сөздү айтуучудай эле сөздү угуучулар, жата калып кулак төшөөчүлөр бирдей көрүнгөн. Атайын анын сөзүн угууга аттанып келүүчүл өрдү үй ээси, сөз ээси урматтап тосуп алуучу. Коюн союучу, бар тамагын кайнатуучу, жайыл дасторкон болуучу. Үй мүйүз тартып эл жапырт айтуучуга кулак төшөөчү. Мында күндү батыруучу, таңды атыруучу. Албетте, элибиз мал жандуу, эт жандуу келет. Ага жер шарты туура болот. Этти нукура жол-жобосу менен жештин маданиятын мыкты билет. Табактагы ар бир устукандын энчилүү аты бар. Мында элибиздин кеп кордугун, тамак жеш адебин билдирүү болуп саналат.
«Конок айтып келбейт». Кыргыздардын пейилинде атайын келүүчү, келе калуучу, а мүмкүн келип калбасын сымал меймандарга да кам көрүүчү. Конок келсе, эмне соёрун, дасторконуна эмне коёрун, алдын-ала күтүлгөн. Ырыстуу тамагын бала-чакаларына бербей, катып туруучу. Баарынан уят нерсе – мейманды сыйлай албай калуу, дасторкон үстүн томсортуп коюу. Демек, конок келген күн бапырап, үйгө береке кирет, от ойнойт, казан кайнайт, кабак жайнайт. Бала-бакыра да: «Конок келгенде берет, ошондо жейбиз», – деп ич ара топук тилеп турат. Макал ушул маанайды билдирет.
«Конок «бышты» десе, алабакандагы эт бышат». Адатта, элдин шартында мал союп коноктоо, же даяр эттен салып мейманды сыйлоо ата салты. Эт бышканда мейманга сорпо сунабыз. Кыргызда тамак бышыруу саат, минут жана убакыт менен алынбайт. Отургандар анын ичинде меймандар «бышыптыр» десе, этти дароо чыгарат. Ушундан улам өтмө мааниде коноктун айткандары эп көрүнөт. Туура айтып жатат өңдөнөт. Албетте, ошонун оюндагыдай меймандостук кылуу Кыргыз атанын наркы.
«Конокко аш кой, эки колун бош кой». Тээ түпкү ата-бабалардан бери мейманды сыйлоону бийик туткан кутмандуу эл, аларды урматтоодон эч бир тап жылдырган эмес. Кыргызда конокту «кудайдын эркеси» катары сезишет. Мисалы, алдыга эт тартылды дейли, ардактуу устукан ага сунулат. Андан сырткары кыртыштуу тигибул эттерден улам алдына коюп, ал кыя кесип алдыртан жегизүүгө тийиш. Ал эч качан кысынбашы керек. Максатыбыз конокту тойгузуу, айрым элдердей «алың-алың», «жең-жең» деп шаштырып, демитип туруу мейманды сыйлоонун тартиби-таалими эмес. Эң негизгиси, коноктон мурун колду аарчып чыга бербейбиз, аны аябай тойгузуу үчүн табакка кошо кол салып, алдыртан сүрөп олтуруубуз керек. Мунун дагы түшүнүгү: «Конок койдон жоош, май берсе жей берет», – деп коёбуз.
«Кыз – конок». Ал бирөөнүн бүлөсү. Жеринен кыз балага эне-ата, ага-тууган асемдүү мамиле кыла турган. Анын эли-жери бөлөк. Ошол үчүн кийбегенди кийгизет, ичпегенди ичирет. Жоргону айт-тойдо, көчкөндө кыз балага мингизет, төркүнү кыз балага ыроолойт. Үлпүлдөтө багылат. Бой тартканы отун-суу алдырбайт, тезек тердирбейт, куурай башын сындыртпайт. Жел тийгизбейт. Барган жеринде барктуу-нарктуу болушу үчүн үйдөн узчулукту үйрөтөт, өз себин өзү камдайт. Эне таалим-тарбиясында бардык жүрүмдөрү туура жолго багытталат. Анан бойго жеткенде, жуучу түшкөндө, же кудалашкан жерине шааншөкөт менен аткарылат. Сыйлап калалы, ыйлап жөнөтпөйлү, кыздын кырк чачы улуу – мына ошондон калган.
«Конок «тойбодум» дебейт, «сойбоду» дейт». Адатта, кыргыздардын табиятында короодо кою туруп, конокко бирдеме сойбосо, эң эле эрөөн сезилчү. Ал ата салтыннаркын бузганга барабар эле. Түшкөн жеринен жандык, барктуулар-атактуулар үчүн тай союлса, ал мейманын беделин, кадырын арттырган. Өз баркын өзү сезген. Конок ашып кетсе бир жилик этин жейт. Шартка жараша бычакка илинээр бирдеме союп, алдына болгон табагын тартып койсо, мейман да ал-жайды түшүнөт. Топук тилейт. Антпесе «барк албады» болот. Алабакандагы этке караганда, илик алды, баасы-баркы бар сезилет.
«Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт». Мал союлуп дасторкон үстү жайнап, коноктор жайыл дасторкондо чардап отурганда кийинки коноктор киргенде алар орундарынан козголот, копшолот. Улуу-кичүүлөп отуруу кайрадан башталат. Дасторкон үстү жаңырат. Мурункулардын кызуу кеп-сөзү калышы, аны улоого кайра шарты болбошу, жаңы коноктордон мурунку отуруштун бузулушу, өзгөрүлүшү, эми кийинки келген коноктордун обону менен тейлениши мүмкүн. Арийне, өтмө мааниде түшүнгөндө, бир өтүнүчтөр же бирдеме суроого байланыштуу бирөөлөргө барып отурганда кийинки ошондой маселе менен баргандарга мурунку сый көрүлбөшү ыктымал. Суралган немени кимисине берээри, тайталаш учуру да бар.
«Өлгөн менен кыз бергенге намыс жок». Кыргызда: «Өлүк бардын байлыгын чачат, жоктун этегин ачат», – дейт. Ар нерсенин өзүнүн зыйнаты, бактысы бар. Бул жарык дүйнөдө беш кол тең эмес. Элде көп мал союп, көп эл чогулуп, ала-тоодой эт, ала көлдөй чык болсо, чоң чараны тегерете, кара ашын Көкөтөйдүн ашына салыштырат. Даңазалап аттанышат. Бей-бечаралар, колу жармач, жону жукалар өлсө барбай, топурак салбай, илик албай коюулары да бар. Албетте, адамкерчилик эмес. Бул – соопчулуктан куу кекиртекти жогору коюу. Кыз берүү асеминде да ушуга тете көрүнүштөр бар. «Кедейлик кемтик эмес», «Пайгамбар барга назир, жокко кайыл». Бул ар-намыстануунун кажети жок. Бул жарык-жалган дүйнөдө тирүүчүлүк – чоң олжо. Ошого адам топук тилейт.
«Сыйга сый, сыр аякка бал». Сыйлашуу, кадырлашуу эки адамда тең. Бирөөлөр сыйкор, экинчиси андай эмес, сараң, билимсиз көрүнүшү мүмкүн. Мындайлар катарлаш, ырыскылаш бир дасторкондо көпкө жүрө албайт. Ар бир сыйдын жообу бар. Биринен бири артыла, тартыла сыйлашууга не жетсин. Мындан ушундай мамилелердин аркасында аяк толо аш келет. Ырыскы артылат. Жашоо мелт-калт болуп турат өңдүү түшүнүк келип чыгат.
«Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашууга өз жакшы». Кыргыздар сыйлашууга дилгир. Жат адамдарды сыйлоодон тап жылдырбайт. Канчалык конок айттырса, же конок дембе-дем өзүлөрү келип түшсө, «конок басты» болсо да, кайра-кайра үстөмөндөп, басмырттап турушса да, мейман күтүү шартынан кемтик чыгарбайт. Ошенткен сайын ички ар-намысы чыйрала түшөт. Анткени бир атага, бир урукка шек калтырбоого далалаттанышы.
Эми «ыйлашарга өз жакшынын» маани жайы – алар боордоштор, жакындар, каны бирлер. Албетте, ич ара тигил жат коноктордой мамиле жасашпайт. Кайра конокторго уят болбоо үчүн жапырт кызмат кылышат… Алардын жалпы намысы болот. Жакындарынан ажыраса, канткени менен туугандык парз. Аза күтүү, катуу кападар болуу – бир туугандык, өздүк шарты, белгиси, зыйнаты болуп саналат. Өз, жат ушундайча билинет.
«Темене тартып, төө алат». Темене – жоон ийне, аны менен кийиз тигет. Чокой, шири идиштерди ж.б. көктөйт. Бирөөлөргө, мисалы, уста бир буюм жасап, алдына алып барса, тартуу кылса, ал адам ыраазычылыкта бирдеме берет. Камчы алып барса, бардарлар тай берет, кой берет. Эми макалдын маани-жайы түшүнүктүүдүр.
«Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап». Ар ишти аткаруу үчүн шарт керек. Өз учурунда аткарылбай, кийин кереги жок чакта мүмкүнчүлүктүн болушу, бирок аны бүткөндүгүнүн зарылчылыгы катасыздык. Эми ал ишти аткаруунун өтөр сааты өтүп кеткенден маалимдеп турат.
«Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска». Жоо алка-жакадан алган шартта жапырт калайык козголот. Баары душманды беттейт. Ураалап кыйкырык-сүрөөн менен эл жоого жөнөйт. Көпчүлүктүн сүрү күчтүү келет, баатырдыкты жалпы журт жасайт. Албетте, алардын кол башчылары бар. Ал элди шыктандырат. Алдыңкы катарда жүрөт. Айрым чактары мындай эрдик көрсөткөндөрү болот. Алар көмүскөдө калат. Анын баатырдыгы башкаларга сыпатталат. Мисалы, «Ногойдон Нойгут кем бекен, Чубактан Манас эр бекен» – дейт. Ногойдон Манас, Нойгуттан Чубак чыгат. Айрым шартта үзөңгүлөштөрдүн жараткан эрдиктери баатыр делгендерден өтүп кетет. Мындайда ал бааланбай калат.
«Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт». Ооба, камыштуу жайда коёндун жан сактоосу татаал, башка айбанаттарга жем болушу бышык. Жашоосуна шарты жок. Талаа коёндоруна адыр-белестүү, күнөстүү, ийиндүү, жардуу жерлер оңтойлошкон… Эл ичинде жүргөндө эразаматтар жеке өзү эле эмес, журтунун ар-намысын ала жүрөт. Баланчанын эли жармач жашайт. Байлары букараларына, кедейлерине, кембагалдарына чыктатырбайт, саан-мингич бербейт. Эли ач-жылаңач отурат, тентип кетти сымал ушак-айыңдар элдеги чыгаан азаматтардын жүрөгүн аралап өтүүчү. Өз көмөчүнө күл тарткан жигиттер, журт үчүн эчтеке ойлобогондор, ар-намысы жоктор. Азыркы кырдаал уят-сыйытты жыйнаштырып таштап, өзүмчүлүк тарапка ооп баратат. Бул макалдын маани-жайы ушундай…
«Оңко оюн бузат, тентек жыйын бузат». Оңко – чүкөнүн, саканын мурунунан тике турушу. Эңке – чүкөнүн, саканын көчүгүнөн тике турушу. Чүкө оюндарын ойноп жатканда чүкөнүн мындай абалда болушу, албетте, оюндун шартында абалды өзгөртүшү ыктымал. Айрымдар бөйрөктөн шыйрак чыгарып, чыр баштайт. Жеринен жыйындын чоң чатагы чүкө оюндарынан ырбаган. Уттуруп бараткандарга бул оңко чүкө оюнга себепкер боло түшөт. Өтмө маанисинде алганда, айрымдар болор-болбостон эле элдин ынтымагына, калыс маселе чечүүгө, бейкуттугуна доо кетирет. Топту таратууга, элди ич ара чабыштырууга дейре барат.
«Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло». Шер – баатырлардын баатыры, эрдин эри. Албетте, булар элден, жерден чыгат. «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» болуп жүргөн соң, душманыңды да оңой-олтоң көрбөшүң тийиш. Өзүн эр ойлош – мактанчаактык көрүнүш. Башкаларды да салмактай бил. Душмандарыңды жеңе билсең, ошондо эрдигиң, баатырдыгың, шердигиң ого бетер артылат. «Эрдик кылсаң, сүрө кыл». Адамдар бири-бири менен мамилелеш жашайт. Жокторун бар кылат. Ич ара сүрөп, тиричиликти улайт. Айрымдар чык татырбас сараң, кээлери жоомарт, бирөөлөрү ажаатчыл, кайрымдуу болот. Ток этээр жерин айтканда, сен зарыл болуп турганга бирдеме берсең, дал өзүндөй бер. Ал таап бермейинче, кайра-кайра сурап, аны жүдөтпө. Таап бермейин жайына кой. А мүмкүн, колунда жоктур. Жону жукадыр, кайрылыш, оңолуп кетишине жардамдаш. Эр жигиттики элде жүрсүн, эриккенде колго тийсин дейт. Сөздүн кыскасы мына ушундай…
«Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык». Адам бир туулат, бир өлөт. Бу жарык-жалган дүйнөдө бир келет, бир кетет. Келгендин кетмейи бар. Тизелеп жашоо – бирөөлөргө кулдук уруу, көзүн кароо, күнөөкөр болуу, күн көрүү. Ансыз тиричилиги өтпөй калуучу байкуш абалга келүүсү, кошоматчылык. Кээ бир шүмшүктөр адамды ошондой абалга кармоого, калтырууга куштар. Ошентип жаткандар да бар. Кеп мааниси – антпөө керек. Турмушка, тиричиликке тике, кайраттуу кароо, бирдей саноо зарыл. Жемин жедирбей шайдоот жашоого бет бурууга, багыт алууга аракеттенүүгө тийиш.
«Түбү бирге түтпөйт». Накылдын төркүнү тууганчылыкка барып такалат. Албетте, тирүүчүлүктө ич ара араздашуулар, пикир келишпөөчүлөр, таарынуучулар бар. Ошондой себептер менен алар бири-биринин үйүнө киришпөөчүлүк, көчө качып кетүүчүлүк болот. Бала-бакыралары да катышпай, кирди-чыктысы жоктор кездешет. Элде: «Тууган өзү таарынса да, боору таарынбайт» – дейт. Ошентип, окчун жашап жүрүшүп эле кирип-чыгышып, табышып, таарынычтары жазылып калат. Ага бир нерсе данакер болушу ыктымал.
«Эрегиштен эр өлөт». Эрегиш – ич ара намыстануу, текээрдешүү (куштун, ителгинин тырмагынын айбанаттарды тебүүчү мүрү), кыйынсынуу өңдүү түшүнүк. «Мен сенден кыйынмын», «сен менден начарсың», «эр болсоң менин алдыма чыгып көр» ж.б. куру намыстын аягы өкүнүч аркылуу бүтөт. Аны алдыртан курчутуп коюучулар болот. Эрегиш – эр эңиш. Бирөө жеңет. Бирөөсү жеңип, мөрөйдү алат. Бирөөсү абака түшөт. Бул өтө курчуп кеткенде эч кимдин тилин албай калуучулук. Ошондо: «Бириң өлүп, бириң кал», – деп басып кетүүчүлөрү да болот. Эки журтчулук ар-намысы үчүн аттанышат. Үчүнчү журтчулуктан өкүлдөр – карыялар, калыстар, кадырлуулар келип, бул эрегишүүлөрдү басуулары тийиш.
«Эски жоо атышаарга жакшы». Албетте, сыр билген турмуштан бири-бирине көндүм адат пайда болот. Бир чактары жоокерчиликте душмандардын жашоо-шарттары, жасоочу чабуулдары, кандай кездерде кол саларын билип, эчен чабышты өткөргөн калк үчүн белгилүү. Ошого карата даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү келип чыгат. Мында сөз мааниси бири-бирине белгилүүлөрдүн, сырданалардын өз ара мамилелери, кандай учурларда өкүмдүүлүгү, аласабереселердин бүтүмү, өндүрүп, кайрып алуулары бирибирине айдан ачык белгилүү болуп турат. Т.а., сырдана адамдардын мамилелерин көрсөтөт.
«Элүү жаш – эр ортону». «Улукман жашка тойгон эмес». Мисалы, жыйырма беш жашта жигиттиктин токтолгон учуру келет. Отуз беш жаштан акыл-эстин толукшуганы баамдалат. Элүү жаш – эр ортону дегени, ага чейин адам баласы өсүп, акыл-күчтөн өнүгүп барат. Элүүдөн баштап, өрдөн акырын тайып түшүү учуру болот. Алтымыш-жетимиш жаштарда кайрат-күчтөн кала баштайт. Арийне, ар кандай адамга карылык ар кандай кырдаалда келет. «Сексенбай, Токсонбай» деген аттар ошол жашта да эркектерде күүнүн бардыгын күбөлөндүрөт.
«Корккондон жүрөк жарылбайт, сүйүнгөндөн маңдай айрылбайт». Жашоо-турмушта коркуу-сүйүнүү, кубануу-кайгыруу, кедейленүү-баюу ж.б. жагдайлар аралаш жүрөт. Жаманчылык-жакшылык парз. Мына ушундай шартта бирөөлөргө сүйүнчүлөөдө да, айтууда да, угузууда да аста-секин сылыктыкта бири-бирин түшүнгөндөй мамиле жасоодо айтыла турган накыл. Мисалы, угузууда «кудайдын буйругу, чоң атаң Базарбай каза болду», «Корккон менен жүрөк айрылбайт, кайын энең дүйнөдөн кайтты». Б.а., сүйүнгөндөн маңдай айрылбайт аркылуу мына ушундай өтмө мааниси берилет.
«Элге берген куруттан, мени кандай куруткан». Мал чарбачылыгы бар элде жайкысын жайлоого чыгышып, кышкы азыгын камдашат. Ал жай ырахатын көрүү да болуп эсептелет. Анда карын-карын сары май куюшат. Сүзмө чогултушат. Андан курут кургатышат. Эжигей кайнатып, аны кургатып, талкалап тартып алат. Албетте, буларды кыштата жеп чыгышат. Суукка булар байымдуу келет. Эми ушундан улам, мисалы, бирөөлөргө бирдеме берсек, аш-тойлорго же конокко, согумга жана башка жакшылыктарга чакырылса, айрымдар чакырыктан, ырыскыдан, олжодон кур калса, же такыр эле барк алынбаса, андайга ушундай сөз айтууга туура келет.
«Баканын өзү чөлдө, көзү көлдө». Чөл бакасы – ал кургак жердин бакасы, көл бакасы – ал көк бака, саз бакасы. Көк бака кургак жерде жашай албайт. Ушундан улам өтмө мааниде адам кыялкеч келет, ойду омкорот, тоону томкорот. Демек, жете албай, арманда өтүүлөр көп болот. Куру санаа адамды кайда алып барбайт. Жете албай жүргөн максат-тилектерге өзүн убаралоо сымал ойду туюнтат…
«Өз үйү, өлөң төшөгү». Өлөң – саз чөбү. Демек, ар кимдин өз үйү бар. Ал өзү үчүн чөп да болсо, жумшак төшөк. Канчалык мыкты төшөктөргө жатпа, көнө жүргөн төшөнчүсү ар кимге кымбат. Мында айрым убактарда көп иштеп көнүгүп, эл-жерине алынып, тууган элиндей сезилген жамаат, аймак өзүнүн карачечекей журтундай эле туюлат. Өмүрдүк жолдоштой сезилет. Кээде тууган эл-жер мисир эмес, көнгөн журт, көнгөн эл-жер мисир дейт. Себеби алар ойдогудай каада-салтта ардактай-урматтай алышат…
«Коркконго кош көрүнөт». Адам бирдемелерди жаза көрүп, же чала угуп алуулары болот. Аны баары калпыстыктан, бир нерсени ашыра баалоолордон каратып туруп, калп айтуулары бар. Дал өзүндей айтуунун ордуна, көтөрүңкү сүрөттөөлөр көрүнүп турат. Чын эле кээде чочуп кетүүлөрдөн, коркуп калуулардан ал нерсе укмуштуудай көрүнөт. Ошого байланыштуу бул макал айтылып калат.
«Житкен окту, аткан ок табат». Адатта, атайын издеп чыккан нерсени адам таппай калуусу ыктымал. Эгер башка бирдемени издеп жүрүп, ошол мурунку жоготконун таап алышын көрөбүз. Макалдын маани-жайы ушул сымал мазмунду берет.
«Жакшы ишке келет, жаман ашка келет». Зарыл, же жалпылап бүтүрүүчү жумушу болсо, ага кол кабыш кылуу парз. Көрүп билип же угуп туруп, «барбайм, иштебейм» деш адамдык сапат эмес. «Кой, барайын, жардамдашайын, көпчүлүктөн калышпайын» ушинтип атайын барып, көпчүлүктүн катарында тамын салышка, үйүн тигишке, ылайын чылашка, чөбүн чабышка ж.б. иштерине жарашса, эл алкышын алышса, атаганат, мындай көрүнүштөр – жакшы адамдардын сапаты. Антпей, ошол иштеп жаткандарга даярдалган тамагын даяр болгон чакта аңдып барыш, албетте, айырмаланат. Жакшы ким, жаман ким өзү эле ылгана түшөт. Буга: «Жигиттин түсүн айтпай, ишин айт» деген макал үндөшөт.
«Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу». Адал байлык, арам байлык, адал эмгек, арам эмгек бар. Мээнет – эмгек татканы даамы, байлыгы, демек, адам жаратуучу байлыгы үчүн адал эмгектенсе, ал адал байлык. Ошондон үзүр көрөсүң. Ырыс-кешик артылат. Тапканың берекелүү келет. Даамы, ширеси чыгып турат. «Кулча иштеп, бийче жаша» деген макалы буга үндөшөт. Мунун тескери түшүнүгү – сүткөрдук, алып сатардык, кызыл кулактык десек жаңылышпайбыз.
«Ашың болбосо да, кашың болсун». Илгери отту улуу жагып, тегерете жылынып, ошого карата жомок, болумуштарды ж.б. тамашалуу аңгемелерди айтып, жадырапжайнап, жылынып отуруучу. Мындай шартта тамагың эске да келбейт. Көңүлдүү, оттун табында жылуу, кызыктууларга кулак төшөп, отуруу ыракат сезилет.
«Жалкоону төө үстүнөн ит кабат». «Жалкоолор үчүн кара жер бети тайгалак» – дейт. Анткени андай адамдар эч жакка сыйбайт, күнү батпайт, таңы атпайт. Албетте, төөнүн үстүнөн ит кабабы, каппайбы, кеп жалкоо итке да жакпайт. Демек, «жалкоо – адам эмес» деген сезимди берет. Жалкоо – мактанчаак. «Мен баарын бүтүрөм», «өзүм эле жасап коёмун» – аягы ушундай макалга айланган. «Ат сүрдүкпөй жер тааныбайт, эр сүрдүкпөй эл тааныбайт». Ат сүрдүгүү – мүдүрүлө түшүү, жанча минүү; Эр сүрдүгүү – башынан көп кыйынчылыктарды өткөрүү, кез-кез жаза таюулар… Эми сөз мааниси түшүнүктүүдүр. Алтын башка эмнелер гана келбейт. Көп кыйынчылыктарды кечирет. Көптү көрсө, билсе, кагылат согулат. Жаман-жакшыны ажырата билет. Акыл токтотот, элдик турмушка каныгат. Башкаларды баалай да алат. Адамдык сапаттары артылып чыга келет.
«Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин». Жорго
– үстү тынч мингич. Адамзат бу дүйнөгө жашайын, күн көрөйүн, жыргайын, буюрган суумду ичейин деп келет. Адам аз жашайбы, арбын жашайбы, ал табияттан, буйруктан, кудайдан. Мейли жүз жыл жаша же элүү жыл жаша, ошонун жок дегенде жарымы жакшы жаш болсо, анда адам пендесинде арман болбойт. Демек, ойдогудай өмүр сүрүп калуусу тийиш. Анткени адам өмүрү эң кыска, нуска.
«Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт». Чычалак – кеп-сөз көтөрө албоо, ызаланып, теригип кетүү. Адамдар ар кандай мүнөздө жаралат. Сөз көтөрүмдүү, тамаша-чынын айрый билүүсү, кеп-сөздү сүйлөөдө ал аңгеменин багытын талдоосу, дайыны жок ызаланбоосу, кек сактабоосу керек. Адамдык сапат мына ошондо билинет. Адатта, ат жаталак болот. Ал – ылаңдын, ат оорусунун бир түрү. Ээси атты көп жатпас үчүн дайыма жетелеп туруу адаты бар… «Чын чычалайт» деген сөз айтылат.
«Ак көңүлдүн аты арыбайт». Ак көңүлдүк негизи жакшы сапат. Аты арыбайт – бергени анча баага татыбайт деп түшүнүүбүз зарыл. Демек, бирөөлөргө канчалык ажаат ачса да, анысы анча көрүнбөйт. Бергенинин жакшылыгынын анча кайрымы жок. Көңүлчөөктүгү өзүн кээде зыянга алып келет. Деген менен бул адам көнгөн адаттан жалкпайт. Кайра эле кайталана бериши ыктымал.
«Атадан алтоо төрөлсө, ар жалгыздык башта бар». Ал туура, балдар чоңоёт, эр жетет, үйлөнүшөт, жайланышат, ар бири өз энчисин алат, жекече түтүн чыгарат. Ата-эне ошентип, өз милдетинен кутулушат. Ачпы-токпу өз билгендериндей оокат-кечелерин кылышат. Эми баягыдай бир үй-бүлөдөй ач-жылаңачына ата-эне көп көңүл салбайт. Милдеткер эмес. Азап-тозогу өз моюнунда. Алтын башка эмне иш түшсө, өзү тартат. Жарды болобу, бай болобу, кор болобу, зар болобу, жар болобу… өз тагдырын өзүлөрү чечет…
«Ачуу душман, акыл дос». «Бир колуңдун ачуусун, бир колуң менен токтот» – деп да коёт. Албетте, ар бир адамда акыл да бар, ачуу да бар. Мында бирдемелерге күтүүсүз ачуусу келгенде, адам ар кандайча абалга келе түшөт. Ошол шартта токтоолукту, сабырдуулукту ж.б. сапаттарды ала жүрүүбүз пайдага чечилет. Ачууга жеңдирип жиберүү – эркти сезим бийлөөчүлүк болуп эсептелет. Адатта, эркти акыл бийлесе, ачуу тарай түшөт. Т.а. эркти ар дайым акыл башкаруусу зарыл. Ачууга берилүү – сезимге моюн сунуу. Акыл аркылуу сезим тыйылат.
«Ачуулуунун алдынан чыкпа». Бардык эле адамдардын ачуусу бирдей эмес. «Ачуусу чукул», «ачуусу бат тарайт». «Анын ачуусу келгенде жаман, буркан-шаркан түшүрөт», «ачуусу бир келбейт, келсе укмуш, токтото албайсың», «ал долу, кой-айды билбейт» сымал сөздөр көп айтылат. Айрымдар ачуусу келгенде ошол ачуусу келген адамын гана каптайт. Ачуусун андан эле чыгарат. Кээлери үй-бүлөсүндө бала-чакасын матайт. Же айылында, элинде бир иште баарын талайт. Жолдо бараткан адамдардан өйдө сөгүнүүчүлөр чыгат. Бир тобун бирөө үчүн токмоктоп салгандар бар.
«Бөрк алдынан, жең ичинен». «Баш айрылса, бөрк ичинде, кол сынса, жең ичинде» – деп да айтылат. Бөрк – тебетей, калпак ж.б. баш кийимди түшүнөбүз. Сөз мааниси ар кандай тартипсиз, доолуу, жазага тартылуучу иштерди ич ара жаап-жашырып, сыртка чыгарбай, элжуртка жайбай, оң мааниде бүтүрүп коюу. Айыл, урук, бир ата ичиндеги олдоксондукту жашыруун эле тындыруу, башкаларга уятка калбоо. Ушул үчүн бөлүнүп, жарылып, таарынып кол үзүп кетпөөчүлүк…
«Карайлаган там сүзөт». Бул – колдо жоктугу, бирөөлөрдөн зарыл бирдеменин чыкпай, адамдардын тегеренип калуусу. Ага башкалардын ажаат ачпоолору. Т.а., өз колуңда болбогон шартта тукулжурай, заманасы куурула түшүүсү. Жокчулуктун туткунунда калуусу. Айла-амалдан эчтеке чыкпоосу. Куу турмушта жолу болбой, куру кол туруусу.
«Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз таруу ботко болбойт». Мында сүйлөмдүн өз мааниси өзүнөн өзү түшүнүктүү. Өтмө мааниде: «Жалгыз дарак – жалгыз адам, демек, бир адам эл болбойт» – ушундан улам жалгыз таруу ботко болбошу түшүнүктүү.
«Көптүн көзү көрөгөч». Көпчүлүк көптү көрөт. Эл көзү сынчы, баарысын көз таразасынан, эл эмгегинен, көкүрөк сезиминен өткөрүп турат. Мындан элден көсөм, калыс эчтеке жок деген маани келип чыгат. «Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа» деген макал буга даана үндөшөт.
«Өз көмөчүнө күл тартып»… Көмөч – тезек, көңдүн оттуу күлүнө көмгөн камыр. Анын табы аркылуу ал мыкты бышат. Сөз мааниси, бирөөлөрдүн өз жаатына көбүрөөк көңүл бурушу, ич ара бирин бири колдоолору, т.а., тууганчылыгы, жердешчилиги, тааныштыгы, ылымсанаалаштыгы тууралуу айтылганы жатат. Бул «кол ийрисине тартат» деген накылга да окшошот…
«Өзөктөн чыккан дарт жаман, өздөн чыккан жат жаман». «Өзөктөн чыккан» – жүрөктөн чыккан дарт. Өздөн чыккан – тууган-уруктан, жакынынан чыккан жат. Адатта, жүрөк дарты кыйын, адам абдан кыйналат, азап чегет. Эми өзүңдөн – карачечекейиңден душман чыгып, жакындарынын тынчын алып турса, бардык күйүттөн ошол оор эмеспи. Жүрөк оорусундай адамды кыйнайт, азаптантат. Мына ушул жаман илдеттей сезилет.
«Өзүңүн бөгүн бөктөй албаган, бирөөнүн чигин чиктейби». Бөк – чүкөнүн көмкөрөсүнөн түшкөнү. Чик – чүкөнүн чалкасынан жатканы. Сөз мааниси мында: өзүнүн арбайын сого, оокатын кыла, жолун түздөп жүрө албаган неме бирөөлөргө жардамы тиеби. Кимди марытат, эмнени жарытат сымал түшүнүктү берет. Колунан кокон тыйындык бирдеме келе албайт деген ойду гана айтуубуз тийиш… «Тууган бир жамандыкта, бир жакшылыкта». Тууган тууралуу көп макалдар айтылат. Алардын оң мааниси да бар, сол мааниси да бар. Айтарыбыз: «Тууган түтпөйт» – дейт. Жекече жашоодо ар адамдын түтүнү башка, түйшүгү башка, өз турмуш жашоолору үчүн чабыт алат. Эгер тууган ичинде бир жамандык чыкса, ал чаап келет. Туугандык милдетин моюнуна алат. Аны аткарат. Парз катары намысына келе түшөт. Жакшылыгы болсо да ошол ынтымагына, ражасында турат. Туугандыкы ушул болуп эсептелет.
«Эки бээлүү эл сактатат, жалгыз бээлүү жан сактатат». «Табанаак эрден, тубанаак бээ өтөт» (макал). Сөз мында бээнин сүтү тууралуу баратат. Бээни бат саап турат. Узун күндө алты, сегиз, он жолу саашка жарайт. Карыялар айткандай жер күр кездери бээ мындай жайылары менен кайра саан болот. Улам жашаган сайын анын сүтү артылат. Аларды «көөкөр эмчек» деп аташат. Эки бээ бир желени түзөт. Кирди-чыктылар үчүн күнүнө эркеч чанач кымыз даярдалат. Бир бээнин кымызы бир үй-бүлөгө толук татыйт.
«Эркектен ийменген зайып, элине сыйлуу көрүнөт». Эркек үйдүн ээси. Шариятта да эркекти аялдардын сыйлоолору улук катары урматтоону баса белгилейт. «Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр өтөт». Демек, эркектин табияты жогору турат. Үйдө касиети артылат.Эр сыйлаган зайып затын эл өзү эле баамдайт жана баалайт. Ал аял элин да урматтап алууга дымактанат. Үй-бүлөчүлүктө эркек– аялдын жеке пири. Ал – төшөк ээси. Аны булгабоо, бирөөлөргө тепсетпөө аялдардын ыйык парзы.
«Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында». Адамзат сырды ичине сактайт, ичинде тап болуп жүрө берет. Ал көмүскөдө жаткандай көрүнөт. Бирөөлөрдүн ичиндеги ой-пикирлерин табуу кыйын. Аны менен баардаша, пикирдеше, бир топ убакыт бир жүргөн чактарда гана анын кимдигин, ичте эмнеси бардыгын, кандай экенин адам баамдай алат. «Анын ичинде эмне бардыгын мен кирип чыктым беле?» сымал сөздөр да айтылат. Ал эми мал аласы белгилүү дечи, «чаар уй», «кара кашка ат», «тору тай», «мала торпок», «сур эчки», «ак төбөл кара кой», «сарала топоз», «ак тайлак» – деп даанасын айта берүүгө болот.
«Айрылган эл азаар, кошулган эл озоор». Сөз мында өз оролу ата конушунан, ата-бабалары өсүп-өнгөн жеринен козголгон эл тууралуу баратат. Т.а,, тагдырдын дабаасы аркылуу бир айыл эл башка аймакка көчүүдө. Азап чеккен журтчулук таптакыр бөлөк-бөтөн тарапка ооп кетүүдө. Тирүүчүлүктө минтип жер которуулар көп. Албетте, башка жер, бөтөн эл, ага көнүп кетүү кыйын. Азат, тозот. Баягы киндик кан тамган, кирин жууган жердей кайдан болот. Кыскасы, ушундай татаал кырдаал жөнүндө кеп козголууда.
«Айлың ала болсо, эки атың шала». Айыл ичинин ынтымагынын ыдырашы жөнүндөгү сөз. Ала – бир пикирдин болбошу, бир бет жашабоолору. Ошондо атың чыкпайт. Мингениңдин өнөрү көрүнбөйт. Шала – начар деген маани берет. Ынтымагы бар айыл гана ырыска шерик. Айыл ичинен чыккан эр-азаматтардын аты-жөнү айтылат. Атагы артылат…
«Айылды алалык бузат, араны (достукту) каралык бузат». Жогорудагы макалга маанилеш. Кыргызда ынтымагы таш жарган айылдар бар. Эл алысты жакындатат, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышат. Андайда бирөөлөр аларга даай албайт. Ынтымагына башка журтчулук суктанышат. Бир ата бир топ аталарга урук-урууларга бөлүнүп, жарылуулар да болот. Демек, мындайда биримдик качат. Кайра ирээнжитет, чачат. Алардын ичинен журт бузарлар чыгат. Жан аяшпас достор бар. Ич ара тыгыз катыштарын ортодон кара шайтан аралап, көралбастыкта бузукулук кылат. Арийне жашоо-тиричиликте каралоо, жаманатты кылуу… кездешет.
«Айылы аралаш, кою короолош». Кыргыздар көч мөндүү турмушта: жайлоолордо, жайыттарда, мал күздөтүүдө, жаздатууда, мал кыштатууда айыл-айыл болуп отурушкан. Короолору, мал жаткан жайлары бир болгон. Ар бир үйдүн кой-эчкилеринин көгөндөрү, кермелери, желелери, албетте, өз-өзүнчө тартылган. Мындайда, короолош малды ж.б. ар кими өзү-өзүнчө таанып саашка, кайтарышка ж.б. кылууга мүмкүнчүлүктөр бар эле. Айылдын аралаш отурушу, малынын короолош болушу Кыргыз атанын байлыгын, ынтымакты, бейкуттукту сактаганы болуп саналат.
«Байлык байлык эмес, бирдик байлык». Ата-баба салтында «байлык колдун кири», «мал бир жуттук» дейт. «Мал, байлык опо эмес» – деп да айтат. Турмушта мындайга мисал арбын. Журт алаамат, согуш, көчкү, жер титирөө, сел, өрт ж.б. табияттын кырсыктары эмнелерди гана кылбайт. Тыптыйпыл жоготот. Адамзат тарыхында жапа чегүүлөр көп. Байлык бар же жок. Биримдик, достук, ынтымак жеринен элдин табылгыс сөөлөтү, дөөлөтү болуп келген. Күч бирдикте, адамдын айныбас байлыгы мына ушул..
«Биримдик болгон жерде тирилик». Бул учкул сөздүн маани-жайы жогорудагы туюнтмага үндөшөт. Ынтымакырыс бирдиктүү жашоодо жана иштөөдө, бирдиктүү бирдемени ойдогудай өндүрүш катары өнүктүрүүдө, анын үзүрүн көрүүдө баамдалат. Ансыз кыймыл-аракет болбойт. Тирилик – күндөлүк турмуш. Демек, биримдик – ал тирүүлүк.
«Бир күнү уруш болгон үйдөн кырк күндүк береке кетет». Уруш-талаш – жашоодогу ырксыздык, ынтымак-ырыстын качышы. Андай үйгө береке уялай албай калат. Куту бар үйдүн куту качат. Анткени ошол үйдө бирөөнүн куту болот, кут конот. Ошол жоголот. Кунары учуп турган үй кандайдыр суз көрүнөт. Жылуулук, ысык маанай тартуулай албай калат. Уруштун деми көпкө суубай турат. Ошондуктан, кырк күндүк береке-бейпилдикти алып кетет: «Пенде болмок бир күндө, кожо болмок кырк жылда» – деп айтылат.
Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат». «Адамдын көңүлү – гүл» – дейт. Ал назиктикти, өтө аялуу экендикти билдирет. Чымчым – кенедей, тырнактай дегендик. Болор-болбостон көңүлдү көтөрүүгө, же оорутуп алууга тийишпиз. Бирөөлөрдүн сөзү эм, бирөөлөрдүн сөзү терс, сөз кадырын түшүнүүчүлөр мындайда кылдат, этиет мамиле кылуу зарыл… Ошон үчүн айрымдардын бергени татыбайт. Кээлери азганча, алганы аркылуу ыраазы болот. Жашоонун оң-тескери жактары мына ушундай.
«Боору ооруса, боорго тебет». Бирөөлөр бирөөлөргө жакшылык кылгысы келет. Өзүнүн боорукердигин билдирет. Андайды билгендер да бар, элес албоочулар да чыгат. Жакшылыкты жамандык аркылуу эсептешүүлөр да кездешет. Албетте, сөз төркүнү ошолор тууралуу баратат. Жаманга кылган кайран жакшылык деп тим болосуң…
«Жакындаган тебишет, ыраактаган кишенешет». Тебишүү, кишенешүү – жылкы малына тиешелүү. Айрым адамдар болот. Бири-бирин көралбастар бар. Жакындашса эле уруш чыгарат, чырдуу иштерге барышат. Алыс жүрүшсө, кайра сагынышат, көрүшүүнү, сүйлөшүүнү самашат. Бул – жылкы кыялдык. Адамдарда ушундай мүнөздөрү барларды бул макал эске түшүрөт. «Тууган бар болсо асырай албайт, жок болсо көрө албайт» деген накыл буга да маанилеш.
«Кайнаса каны кошулбайт». Мында түз мааниде алганда сөз генефонд тууралуу болуп отурат. Т.а., кандаш, жандаш, ата, чоң ата, баба, буба, кубалары, андан аркы тууганчылыктар кетет. Жети атага дейре урук кууш, төтөн, кыргыздарда шарттуу көрүнүш. Арадан аркы тууганчылыкта кыз алышууга болот. Генетика анча бузулбайт. Кан алмаштырууга толук жарайт. Тукум бузулбайт деген ниетти кармоого туура келет. Мисалы, «мен Моңолдор, ал Саяк, тигил Сарбагыш, ал Бугу, Карабагыш, Чоңбагыш, Саруу, Кушчу. Албетте, уруулар арбын, булардын кайнаса каны кошулбайт» – деп айтабыз.
«Келме кезек, терме тезек». Жашоо-турмуштун шарты ар кандай. Ар нерсенин ооматы бар. Жарык – караңгы, ийри – түз, жарды – бай, кичине – чоң болот. Тирүүчү лүктө аман болсо, алтын баш баарын билет, эмнени көр бөйт. Жыгыласың-жыгасың, жыргайсың, куурайсың, кемийсиң-толосуң, оң-тескери жактарына адамзат барууга туура келет. «Ит жыгылыш турмушту» көрүү аркылуу бул жалганчылык, жарыкчылык кызыктуу бааланат.
«Колдошконду кудайым колдойт». Муну «сактансаң, кудай сактайт», «сактанам десең, кудайым бар» сымал маанилештери айтылат. Бул жаатында кудайга сыйынуу, андан өтүнүү ыйманы бар. Ошондуктан кичине бирдеме болуп баратканда кудай эске келет. Мүдүрүлсөк да кудайым дейбиз, кудайым ага жардам берип, өзү башында тургандай, ошол аркылуу баары жанында болгондой туюлат. Демек, кудайды баарыбыздын колдоочубуз экенин унутпообуз керек.
«Корток кочкор төл бузат, куйту адам эл бузат». Корток – кичинекей, сын-сыпаты кебээ, алымсындырбаган көрүнүшсүз, кунары начар мал. Албетте, андан кочкор салса, малдын төлү өзү сымалданып калат. Асыл тукум койго аны жолотпойт. Ошол өңдүү адамдардан да ар кандай кунарсыздар чыгат. Куйту, терс образ, мансаптуулардын, улуктардын ичи-койнуна кирип алып, ал ичтен элдин ынтымагын иритет. Наркты, салтты тепсейт. Адамкерчилик сапаттарга доо кетирет, элди экиге бөлүп жарат. Ал тууралуу чындык. Энөө эл абалы андайларды баамдабайт. Акмакчылыгын билген соң, анын баскан изин «кетмендеп салат» жана өзүн эл ичинен сүрүп чыгарат.
«Отту көп үйлөсө (көөлөсө) өчөт, коңшуну көп кемитсе көчөт». Адатта, көчмөндүү эл тезек, көң калап, от жагуучу. Аны күйгүзүүнүн ыкмасын билүүчү. Мында да адамдын эпчилдиги керек, «от күйгүзө албайт», «анын колунан от тамбайт», «отко жылдызы жок» сымал сөздөр да катылат. Тутанган отту көп эле ичкелештире берүүнүн кажети жоктур, жайына коёт, көөлөп берүү аркылуу аны өчүрүп алууга да болот. Ушундан улам коңшуну көп эле жаманатты жакка, ушак сөзгө ала бербөө керек, ал басынат. Басмырлоо менен жүдөйт. Тыңсына бербөөбүз зарыл. Арийне, мындай шартта ал коңшу отуруудан тажайт. Көчө качат. Эмне дегенде: «Кошуналыкка начар кишилер экен» деген жаманаттыга калат.
«Өгүз өлдү, орток айрылды». Алгачкы сөз кошко – эгин айдоого кошулуучу өгүз тууралуу баратат. «Орток – ошол өгүздү кошуп, биргелешип жер айдоо, чыгымын бир тартып, түшүмүн чогуу көрүү, болгонун ортого коюу». Жер айдоочу өгүз өлүп калса, тигил максаттуу аракеттер таш кабат. Макалдын башка мааниси, биргелешип эмгектенүүдө, ойдогудай ой-тилектер, ишке ашпай да калат. Т.а., баары шайма-шай болгон чакта гана иш талаптагыдай жүзөгө чыгат. Мында башталган аракеттин бир себептен ташталышы жөнүндө кеп болууда…
«Өзүбек кетип, өз калды». Башкалар отурган ордунан козголуп, жай-жагына тарай баштаган соң, калып калган элге: «Өзүбек кетип, өз калдык» – дейт. Бир боор эл калдык, эми тартынбай, жашырбай, ич ара чечүүчү маселени чече, ачыкка чыгара берели дегени, тигил-бул иштерди кенен-кесир сүйлөшөлү өңдүү түшүнүктөрдү бул макал өзүнө камтыйт.
«Жалы болсо – ат, жакасы болсо – тон». Жал күтүү жылкыга таандык. Кулунда да, жабагыда да, тайда да жал бар. Демек, ал бара-бара кунан, бышты, асый деп аталат. Кыргызда бирөөлөргө кулун, тай берсе эл алдында ыроолосо да, ат бердиге татыйт. Анткени алардын жалы көрүнүп турат. Келечекте сары таман ат, мына ушул жагын түшүнүп, алуучу ыраазычылыгын билдирет. «Жакасы болсо тон» жогорудагы маанини ого бетер бышыктайт.
«Эрден безсең да, элден безбе». Кыргыздар: «Өз элине батпаган, душманына кор болот» – дейт. Алсак, ич ара эр -азаматтар бири-бири менен чекишет. Биринен бири кыйын көрүнүп, текөөрдөшөт. Кармаштын аягында бирөөсү намысын колуна алат. Кээде жеңилген эр-азамат арына чыдабай, бир жакка ооп кетүүсү да болот. Тигилерге уят. Ал көрүнбөөгө аракеттенет. Эр жигиттер кантсе да бири-бирин кыркышканы менен тууган элин, киндик кан тамган жерин, ата конушун, бабалардын баскан жолун, маркумдардын топурагын таштап кетпөөлөрү тийиш,
«Аз кайгыны аш басат, көп кайгыны дос басат». Пендечиликте кайгы-кубаныч эриш-аркак бир жүрөт. Кубаныч менен өкүнүчсүз адамзат жашай да албайт. Аш-тамак, ал – жашоодогу дымак. Бир чоң тоюп алуу да олжо, ал аркылуу дене-бойдогу өкүнүч тарайт. Жакшы дос – кандай күндө болбосун сенин муң-кайгыңа ортоктош. Үстүңө үйрүлө түшөт. Оор жүктү серпип таштагандай болосуң…
«Калыстык асманда, тепкичи акчадан», – дейт. Бул пулдун күчүн көрсөтөт.
«Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок». Иштейин десе иш табылат. Бирдемелерди эрмектөө аркылуу адам алаксыйт. Бекер жүрүп чарчоочулар бар. Бирдемени жасоого моюну жар бербейт, «колу бошобойт». Бул – өзүнөн өзү чарчоочуларга карата айтылат. Тогоо – басмайылдын шөкөтү, темири. Арийне, уста узанат, көптөрдү жасайт. Улам даярын эл алып кетет. Колдо токтотпойт. Ошондуктан «уз үйдү толтурат, уста жайдак отурат» дейбиз. Устада даяр буюм эч качан устаканасында турбайт дегенди туюнтат.
«Бербегенди берип уялт». Адамдан сараңдар да, берешендер да чыгат. Айрымдар алганды мыкты билет, бергенди билбейт. Ала да, бере да билген – адамдык касиет. «Бербегенди сурак жеңет» – дейт. Мисалы, сен бирдемени сурасаң, ал бербесе, ал сураса дароо бере койсоң бетинде кызыл болсо уялат, сына түшөт, ошондо түшүнөт.
«Оң колдун ачуусун сол колуң менен бас». «Ачуу душман акыл дос» – деп айтылат. Бул макал буга маанилеш. Адамдын жашоо-тиричилигинде оң-тетири бар. Ак-кара бар. Жылуу-суук бар ж.б. карама-каршылыктар болот, боло берет. Бул мыйзамченемдүүлүктө эгиз, эриш-аркак жүрөт. Мындай көрүнүштөрдү айырмалай билүүсү адамдын акылына, туюу сезимине барып такалат. Кемчилик кетирсем, аны сезүү, ошол замат оңдоп коюу, кайра кайталабоо, албетте, бул адамдык сапаттын дал өзү, акылдуулук. Мааниси мына ушунда.
«Самаркандан саман учуптур десе, санкол келатат болуптур». Самарканд – Өзбекстандагы санжыргалуу шаар. Саман – аштыктын бакалы, топону. Сөздүн өтмө маанисинде айрымдар болор-болбоско өтө маанилүүдөй, муну бүткөрбөй коюуга эч мүмкүн эместей сезүүсү. Т.а., дайыны жок эле дүрбөлөңгө түшүүчүлүк. Жогортон келген буйрук, өтүнүч, сураныч болобу, укмуштай кылып, алабармандатып ашыкча элге-журтка жаюучулук, өзүнчө эле кызыл чабуулга баруучулук.
«Арачыга алты таяк». «Ар биринде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр» – дейт. Коймааректер бар, кызуу кандуулар, терс аяктар, чапчаңдар бар. Кыскасы, адам мүнөздөрү оң-тескери, ар кыл. Эгер эки киши урушуп, жакалашып калса, үчүнчүсү сөзсүз ортого түшүп, арачалап, «кой-ай» деши керек. Ал – адамдык сапат. Айрымдар ого бетер ээлигип, ит кыялына жеңдирип, арачыга кол салат, же ошону көздөй каптайт. Берки мушташканы же жакалашканы мындай калат. Эки ортодо ошол бирөөсүнө жан тарткандай көрүнүп, оңтойсуз абалда болот.
«Койдун сүтү коргошун». Ар бир бештүлүктүн азыктүлүгүндө айырмалуу жагдайлары бар. Сыңар туяктуу жылкынын сүтү кымыз үчүн атайын жаралган. Ача туяктуулар: төөнүн, уйдун, топоздун, эчкинин, койдун сүттөрү дарылыгы, калориялуулугу, аш болумдуулугу жагынан алар ич ара айырмаланат. Мунун ичинен койдун сүтү башкача бааланат. Укмуштай күчтүү келет, айраныжуураты, сүзмө, курут үчүн жаралгандай. Эжигей уютууга койдун сүтүнүн коюулугу, майлуулугу менен артылат. Ошондуктан: «Койдун сүтү коргошун, кой уурдаган оңбосун», – дейт бекбекей айтуучулар. Кой саалбай калганы эжигей аттуу асыл тамак жасалбай, желбей, кийинки муундар билбей-туйбай калды.
«Ак ийилип, сынбайт». Жашоонун жолу ар кандай, ийри-түзү, ак-карасы, жакшы-жаманы бар. Бирөөлөр бирөөлөрдү сүйдүрөт, экинчилери бирин бири күйдүрөт, өз күнөөлөрүн башкаларга үйдүрөт. Ал байкуш анын жалаа-кесепетин тартат, жооптолот, суралат. Абакка да түшөт. Жалаа, доо териштирилет. Кудайым карап турат. Анын актыгына көз жетет. Актын ийилгени – убактылуу тарткан азап-тозогу, сынбаганы – акыйкат акыры жеңгендиги. Эрки колуна тийгендиги.
«Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч». «Кекти капырга жараткан» – дейт. Атынан түшүп, курун моюнуна салып чөгөлөй калса, кундан, күнөөдөн кечирүү шарты бар. Ушундан улам «алдыңа келсе атаңдын кунунан кеч» деген сөз калат. Анткени күнөөсүн моюнга алып атайын жолдугун жасап келүүлөрү, адамдын жүйөлүү сөздөрү эмес, кара ташты эритет. Курду моюнга салуу, бардык күнөөнү моюнга алуу. Ага карабай, элдин элчилдигин санабай, кеп-сөзгө жарабай, ажыр-жооп, каяша кылуу – элден-жерден чыгуу. Арийне, кундан кутулуу, кунду кечирүү оңой-олтоң эместир. Бирок эл-журт бар жерде акыры баары жайында болот.
«Алдыраар күнү жаздыраар». Турмушта эмнелер болбойт. Көбүнчө бул ууручулукка карата айтылуусу. Күнү-түнү кайтаруудагы малбы, дүнүйөбү, эгин-тегинби күтүүсүз арадан бирдеме себеп, көздөн кайым болуп, тизени мыкчып, алаканды шак коюп, куржалак калуулар бар. Андай нерселерди алдыртан аңдып, сыртынан багып, аста-секин жүргөндөрдүн колунан келет. Ага көбүнчө көздүн бурула жана илине түшүшү, кушуйку ж.б. айрым азгырыктар себепкер.
«Жаак жаңылбай, туяк мүдүрүлбөй койбойт». «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» (макал). Пенде болгон соң, каталык кетирбей баскан-турган соң, сөзсүз жер таянбай койбойт. Эгер адам ката кетирип, аны туюп, өз мезгилинде жоё билсе, ошол адам өзүнүн катасын оңдой билет. Макалда кечиримдүүлүк, ал эчтеке эмес тууралуу сөз болууда. Туяк сүрдүгөт, кайра туруп басып кетүүсү – ал да боло берүүчү, анчалык элес албоочу көрүнүш катары каралууда. Себеби түбөлүгүбүз дейбиз.
«Кыңыр иш кырк жылда билинет». «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба» – бул да буга үндөшөт. Кыңыр иш – мурун болуп кеткен копол, одоно иш. Ал жасалды, эч ким көргөн жок, жабылуу аяк жабылуу бойдон калды, күндөр, айлар өтө берди. Көргөн, уккан пенделер болбоду. Ии, эми эч ким билбей калды дешет, кудайым карап тургандан соң, ал табылбайт. Акыйкат жолу аркылуу бир нерсеге бир нерсе себеп болот да, ошол маселе козголот. Кайра кеп кылууга, мисалы, өч алууга, кузаматчылыка артууга, кайра элдин эсине салынат.
«Ууруну каракчы урат». Каракчы – талаа-түздө адамдарды тоноп, жабыр тарттыруучу. Албетте, уурунун уурдап бараткан «олжосу» алар үчүн асмандан түшкөндөй болот. Уурунун көчүгү кууш, эч лам дебейт, бирдеме десе сазайын колдоруна берет. Элге айтып коёт.
«Эки киши күнөөкөр, бир киши данакер». Данакер – буюмдарын, бөлүктөрүн бири-бирине бириктирүүчү, ширетүүчү, жабыштыруучу зат. Т.а., бири-бирине окшошпогон эки затты бириктирип аралаштырат. Аны «бура» дейт. Эки затты бир эриткенде данакер ошондогу ыпыласты бөлүп чыгат. Таза кылат. Экөөнү бириктирет. Демек, адам урушса, ортодон бирөө арачалап, экөөнү элдештирет.
«Колуң менен кылсаң, моюнуң менен тарт». Адамзат күнөө кылат, билип туруп кылат. Аны бирөөлөр кыйнабайт. Кыйнаган, азгырган күндө да ага барбашы керек. Бирөөлөрдү зар какшатып, сызга отургузуп, каргатыпшилетип, убал-сообуна карабай жасалган кара ниеттикти алыс узатпайт. Андайды кудай төбөдө карап турат. Ал эртели-кеч карматпай, капканга түшпөй койбойт. Эл өзү жазасын колуна карматып, мыйзам аркылуу энчисин алат. Абакка түшөт, айдалат, байланат, өз колуң менен жараткан күнөөңдү моюнга ил, моюнуңа алдыңбы, аны өтөө үчүн жолуңа түш – дейт.
«Жаш келсе ишке, кары келсе ашка». Элибиздин наркында тигил-бул иштердин оор-жеңилине карабай, токтонуп турбай, иш кылып жаткан жайда жаштар шымаланып, абалы ишке денелерин таштайт. Улуулардын колдорундагысын ала коёт да, аракетти ары улайт. Улуулар, карап тургандар, анын ал адебине ыраазы болот. Батасын берет. Карылар ишке эмес, ашка чакырылат. Санжыра чечип, балдардын иштерин баамдап төрдүн төбөсүнөн орун алышат. Дасторкондо жадырап-жайнап отурушу – өзүнчө көрк. Ушундан улам «Жакшы ишке барат, жаман ашка барат» деген туунду макал бар.
«Эл акысын жер жебейт». Мында сөз эмгектенүү, жерди иштетүү, дыйканчылык кылуу, маңдай терди кара жерге тамызуу жөнүндө болууда. Байлык жерде, жер адамды багат, аны асырай билүүбүз тийиш. Эгер үрөндү өз убагында сээп, мыкты малалап, отоо чөптөрүнөн арылтып, жер семирткичти тап менен берип, шарты менен сугарып, жаак-туяктан коруп, ойдогудай барктай билсең, ал – токоч, ал – талкан, чөбү тоют, мал чарбасын өнүктүрүү нүн мыкты шарты болот. Жер эне эмгек атасы, адамзатты ошол эле багат: «Жаз – жарыш, күз – күрөш» деген мына ошондон калат.
«Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку». Мунун сөз түшүнүгү кайсыныкы болсо өзү көбүрөөк аракеттенет, башкалардан ашык эмгектенет. Маңдай терин бөтөнчө чачат. Өз буюму үчүн өзү күйүп-бышат. Мында кийиз уютуунун татаалдыгы, т.а., буладай жүндү тепкилөөдө, чөк түшүп алып, билектөө менен асыл буюмду жаратуу оңой эмес дечи. Бул аркылуу өз иши үчүн өзү баарыдан күйөрман экени баамдалат. Ошондой эле кийиз басуучуларга бар мүмкүнчүлүктөрүн аянбашы жөнүндө да түшүнүк бар.
«Отун албаганга, от жактырба». Отун – жагылуучу жыгач. «Отун олжо, суу кордук», «отун алып, от жакмак, оңой эмес мал тапмак», «катын алган, отун алат» дешет. Албетте, жашоодо оңой-олтоң эчтеке жок. Баарына мээнеттенүү керек. Отун көп болсо, отту улуулата жага берүүлөр бар. Бирок ошол отунду тоодон көтөрүп келген адам башка. Анын антип жасаган аракеттери андай учурда эске алынбайт. Кыскасы, ушундан улам сөздүн төркүнү мында башкада. Турмушта өзүнүн ак эмгегинен тапкан табылга бирөөлөрдүн алган олжосунан айырмасы билинет. Өзүңкүн аяп турасың, башкалардыкын элес албайсың. Анткени маңдай териң, таман акың башкача сезилет. Ага эмгектенип жеткенсиң. Арийне, адал менен арамдын айырмасы ушинтип билинет.
«Бала ыйлабаса, эмчек кайда». Арийне, бала мемиреп, оозун бүлкүлдөтүп, кудайкапар уктап жатса, энеси «жакшы уктады» деп, ойготуп эмчек бербейт. «Ачка болду го» – дебейт. Курсагы ачканын бала өзү кабардайт. Ошондо эне эмчек берүүгө отурат. Бул – макалдын түз мааниси. Өтмө мазмуну өтүлүүчү иштин зарылчылыгын бирөөлөрдөн талап кылуу, ошол аркылуу өз максатына, тилегине жетүү. Улуктарга улам бара берүү, маселелерди коё билүү, алардын да бул иштерди аткарууга милдеттүү экенин далилдеп туруу ж.б. түшүнүктү ичине камтыйт.
«Эмгектүү кулда чарчоо жок». Чынында, кул эмгекке туулган, анын мээнеттен башка ой-санаасы жок. Ал айыл аралай албайт. Аш-тойлордо болбойт. Эрк өзүндө эмес. Бирок мында толук мааниде түшүнгөндө, эмгек адамды көрктөндүрөт. Ага берилет. Айланчыктай берет. Эмгексиз адам жай алып, бош тек тура албайт. Макал мына ушуну туюнтуп турат.
«Ала койду бөлө кырккан, жүнгө жарыбайт». Ооба, карала, кызылала койлор болот. Алар кылчык жүндүү койлор. Аны өндүрүүгө келгенде, бирдемеге пайдаланууда жүндүн берекеси учат. Бирок бир ишти жасоодо адамдын ой-пикири, салт-санаасы, кыймыл-аракеттери ар бөлөк, бирдиктүү болбосо, арийне, андай нерседен түк майнап чыкпайт. Өз максатына жетпейт. Койдун жүнүндөй, ала-теледей көрүнөт. Биримдик билинбейт. Жапырт максаттануу зарыл.
«Атан өлсө, тайлак бар, кому жерде калбаска». (Кому жерде калган жок). Атан – төөнүн эркеги, үч-төрт жаштан өткөндүгү, тайлак – бир-эки жашары, б.а., тай тайлагы, кунан тайлагы. Ком – төөнүн ээр-токуму, б.а., анжамасы. Сөздүн накта мазмуну – элибизде агасы өлсө, жеңесин иниси алуу салты, ички мыйзамы бар. Демек, аганын балдарын башкага таштабайт, өз бала-чакасы менен бирге багат. Андан ары милдеттүү жашоо-турмушту өткөрүүсү тийиш.
«Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт». Чынында коогалуу турмуштар журтчулуктун баштарынан көп эле өткөн. Тынчтык жашоолору менен кошо дарбыган-дүрбүгөн кездер болот. Сөздүн төркүнү бөлөкчө. Ошентип бир жерде бир окуя болуп, ошол жак капааттана берсе, тегерек чети, башка жактары да алардай эле өзүнчө бүлүнө-чарпыла берет. Макалда ушул жагдайы түшүндүрүлүүдө.
«Ат, аттан кийин жат». «Аты жоктун буту жок», «ат – адамдын канаты», «жанга өлчөлүгү жалгыз ат» ж.б. Ат тууралуу макалдар, маселдер биринин маанисин бири толуктайт. Тоолуктар ат жандуу эл. Ат – адамдын жолдошу. Жоого барса бир барган, жоонун жайын бир чалган, казатка барса бир барган, казаттын жайын бир чалган Камбар ата тукуму. Бул жөнүндө терең айтылып да, жазылып да келүүдө. Карыялар каркырадай катар жайлоодо бир жүрүшчү. Желеси бар жерге кымыз ичүүгө атайын бастырып түшүүчү. Аттарын алышчу. Аларга урмат-сый менен дасторкон жайылчу. Аш-тойлорго, топко барып, таң-тамашаларды көрүшчү. Кары денеге ат үстү дымак берүүчү, өзүнчө дене тарбия болуучу. Ат жок эки жакка чыгуу-жылуу кыйын эле. Кыскасы, макал ушундан улам айтылган.
«Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат». Адамдын өмүр жашы узак да, кыска да, журт карытуу кыйын. Күндүк сапар чексе ат арыйт, аз күндө атың ыргайдай болот. Адам кыйла жашты сурайт. Алтын баш эмнелерди көрбөйт. Узак жашоо – жер таянуу, эл таануу. Ал аркылуу гана журт артылат. Заман карытат. Демек, ат менен адамзаттын жашоолору ар кандай бааланат.
«Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар». Мында кунан – эки жашар жылкы, үч жашар жылкы – бышты, төрт жашар жылкы – асый, андан аркысы даана ат. Жубан – эрге тийген жаш келин. Эки жашарында жылкы каадалуу мингичке жарайт. Кунан чабыштарга кошулат. Минип адыр-белестерди арытууга болот. Мыкты жар – эр көркү, үй-бүлө таалайы! Кыз алганды «кол бала» деп коёт. Анткени ал турмуштук эшикти биринчи аттады, ошол үйгө баш-оту менен кирип келет. Бирок анын да ар кандайы чыгат. Ал бат эле тегерек-четине билинет. Жубандын да түрдүүсү бар. Жакшылары төркүндөрүн сөзгө калтырбайт. Барган жерине бат алынат. Аялдык сапатын ойдогудай сактайт. Кыз келген эместиги айтылбайт. Бат эле оозго алынат. Макал мына ушундай сапатты аркалайт.
«Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт». Жылкыны тай кезинен үйрөтүп минет. Колу түшпөсүн деп анда аяп минет. Балдардын мингичи болуп саналат. Жаш немени алыска минүүгө жарабайт. Бирок бара-бара жер таанытууга, жанча минүүгө үйрөтөт. Ансыз мал да майболпоч болуп калат. Тоо-ташты, адырбелестерди, ашуу-дабандарды арткан жана ашкан мал сөзсүз бышык келет. Ал эми эр-азамат болсо, эл ичинде жамандыкты-жакшылыкты көрөт. Эл-журттан сырткары да жүрөт, кагылат-согулат. Анан эсине, акылына келет. Көргөнүн-билгенин көңүлүнө түйөт. Жамандык-жакшылыкка аралашат. Башынан өткөрөт. Турмушта сүрдүгөт, кайра оңолот. Жашоо-тиричиликти өз колу менен кармап көрөт. Бирөөлөрдөн үйрөнөт, бирөөлөргө үйрөтөт. Анан кадимкидей адам болуп чыга келет. Макалдын маанижайы мына ушундай.
«Атты арыганда, эрди карыганда көр». Албетте, адам төрөлөт, өсөт, чоңоёт. Кыз бешкөкүл, колукту, зайып, байбиче.Эркек бала тестиер, улан, жигит, чоң киши, карыя болот. Токтогул акын айткандай: «Бузулуп урап короосу, булбурап кызыл тил калат». Калтардай кара чач куудай агарат, арканы жок, жиби жок тушайт, карылык колдубутту, кан кылбай бычат дейбиз. Ат да көп жашаса – көп мүдүрүлөт. Ыкшоо тартат, кашаңдайт, ээги шалпайып, анын да тиши түшөт. Атпы, адамбы бара-бара шүйүп, экчелет. Бул жаратылыш-жашоонун мыйзамченеми. Андан эч ким, эч нерсе кутула албайт. Макалдын мааниси, демек, адам карыды, ошентип кандай өтөт, кой маарек, момун, сыйда карыйбы, же какчаңдап, мылжыңдап, уятсыз карыйбы, кеп ошондо…
«Атты ашууда, эрди ай-талаада сына». Ашуу – аттын сыноочу жайы. Ач бел, куу жон дейбиз. Андай жайларда өйдө-ылдыйды бирдей арткан сыналган жылкылар бар. Кеп эр-азаматты ай-талаада сыноодо турат. Чынында, адамдын адамы талаа-түздө билинет. Аты баспай калса, же бир кырсыкка илинсе жолдошун айланчыктап, ач-тогуна күйүүчүлөр болот. «Атың тоюнганда артымдан келесиң», – деп чаап кетчүлөр бар.
«Ашка жүк, башка жүк». Макал – жатып ичээр жалкоолорго, тойбосторго, соргокторго карата айтылууда. Үй-бүлөдө андайлар артыкча көрүнөт. Бирөөлөр эмгек этсе, таман акы, маңдай тери менен тапкан тамак-ашты, байлыкты, мал-мүлктү бирөөлөр соруп жатса, ыракатырысын ошолор көрсө, бирөөлөрдүн эсебинен эки ортодо тутунса, байлыкка баш-оту менен кирип кетсе, баарынан ошол жаман эмеспи.
«Бура сүйлөгөн, күлгөнгө жакшы». Кыргыз эли сөзгө, сөздүн тигил-бул маанилерине чебер түшүнөт, дайыма өз мазмунундагы кептерге караганда салыштырмалуу, шакабалуу, мыскылдуу ойлорду көп айтат. Анысы угуучуну териктирбейт, күлкү чакырып турат. Ошол шартта бирине бири ошондой жооп бере алат. Акыры тамашага айланат. Ич ара шаттанып алышат.
«Ат уяты – сатуу, кыз уяты – тартуу». Тартуу – бирдемелерди бирөөлөргө сый катары берүү. Мыкты жылкылар, аттар, жорголор, күлүктөр сатууга чыгарылбаган. Сыймык катары минилген. Салынып, чабылып, өзүнчө баркка татыган. Кыз, күлүк ат, жорго, ырчы, чечен, санжырачы көпчүлүктүн кырында турган. Албетте, чоңчоң дубандын нааразычылык, кызаматтык ж.б. ырбап кетүүчү жайлары бешкөкүл кыз берүү аркылуу андай коогалуу иштер тынчтыкта бүтүүчү. Негизи бой тартып, бойго жетип, болукшуп турган ургаачыга «кыз тандоо» расими болуучу. Жуучу түшүүчү, эки тарап сүйлөшчү, кеп-кеңеши бүтсө, болжошкон чакта, отуз күн ойнотуп, кырк күн кыңшылатып, жол-жобосу менен шаң-шапатта колдон аткарууга не жетсин.
«Ала байтал, акылың болсо сууга тарт». Эл оозунда ала байталга отун артып келатса, отун өрттөнөт. Ошондо ээси шашып: «Ала байтал акылың болсо сууга тарт» – дептир. Ушинтип айтылган лакап адамга карата багышталат. Эмне окуялар болбойт. Өткөн-кеткен иштердин оң-тескери, ала-теле жактарына карабай, сөз кайра жашоону улантуу тууралуу баратат…
«Атты достой көрсөң, душманыңдай минесиң». Сөз атты сыйлоо аркылуу аябай минүү тууралуу баратат. Өз убагында отко, чөпкө коюп, сугарып, жем илип, суутуп минген ат ар дайым сокмоктуу болот. Алыс-жакынга бирдей жүрөт. Аттын өнөрү бара-бара чыгат. «Ат сыйлаган жөө калбайт». Мындайда качсаң кутуласың, куусаң жетесиң». Канчалык барктасаң, мал ошончолук нап берет дегенди туюнтат.
«Ат эриндүү, эр мурундуу». Жакшы атка, эр-азаматка сын-сыпат, көрктүүлүгү, сулуулугу анча айтылбайт. Т.а., эркектин касиети – акылы, ишмердүүлүгү, айлакердиги, эрдиги, чечкиндүүлүгү болот. Сулуулугу менен сыпатталбайт. Эркекке сүр, кайрат, серт көрүнүш ж.б. мүнөздүү келет. Аркалуу аттын ээрди жалпайыңкы тартып турат. Баатырдыктын тузуна татуучулардын муруну барпайыңкы болушу, ээрдин калбайыңкы келиши жаратылышында образдуулук болот.
«Жакшы атка жаман ат жалы менен теңелет, жакшы аялга жаман аял калы менен теңелет». Ургаачыларга чач кандай көрк берсе, атка жал так ошондой көрк да, нарк да берет. Куйрук-жалы төгүлүп, турган жылкыга ээр-токум да ойдогудай жарашат. Кыргыз жылкыларынын тай-кунандарында кыркылса да куйрук-жалы жерге түшүп туруучу. Бул бир чети малдын кайраттуулугун, бышыктуулугун билдирет. Кал – ургаачылардын сулуулугу, чырайлуулугу. Демек, жасалма кал коюучулар да бар. Бирок: «Жаман атты жал басат, жаман аялды кал басат»,– деп да коёт. Канткени менен жал менен кал сулуулуктун, көрктүүлүктүн белгиси. Айрым шартта өз ыңгайына карата кош маани түшүндүрүүдө, бөртөй-шөртөй кеткен туюнтмалар да учкул, уйкаш сөз сөрөйлөр да макалдын ичине кирип кеткени байкалат.
«Жакшы ат мал-жанга аралжы». Тоолук элде ат менен адам бир каралат. Адам жасалгасы, ат жасалгасы, ат минүү салты баарыдан бийик турат. Ат – казаттын малы. Муну бизден да башка мусулман элдер жогору коюшат. Ыйык мал катары этин жебейт. Атайын сойбойт. Ат, непада, кырсыктап өлсө, үй-бүлөнүн аман-эсенчилигине жорушат. Мына ушуну менен кырсык чыкты, өмүрүбүзгө, жаныбызга аралжы болуп кеттиге жорулат. Ошон үчүн жарыктык Камбар ата тукумун ардактообуз, көп эле бирдемелерге шылтоолоп, кыра берүүбүз анча зарылчылык эмес.
«Жалы болсо ат, жакасы болсо тон». Бирөөлөргө бирдеме берүүдө, ыроолоодо, ал белек-бечкектин чоң-кичинесине, баалуулугуна карабайт. Жакшы тилекте, ак дилде сунабыз. Ал берген нерсе ошонусу менен баалуу да, барктуу да, нарктуу да көрүнөт, билинет. Ошондо эле айрымдар бирдемелерди тартуулоо үчүн ага үмүттүү келип түшөт. Үй ээси аны билет. Билип келип түшкөндү коноктоп, ыраазы кылып аткарат. Т.а., нарктуу көрүнүштөрдүн эң мерчемдүүсү – ат мингизет, тай жетелетет жана башка кара айдатат. Тай эртең эле сары таман ат. Жакалуу кийимдердин баары сырт кийимдер. Уяттуу адамдарга жакалуу кийим кийгизүү – нарк, салт. Аларга: ичик, чепкен, тон, кементай кирет. Демек, тайды ат катары көр, тонду жакалуу катары көр.
«Бирөөнүн аты терчил, бирөөнүн кийими кирчил».
Адам атты тап менен минет. Кийимди тазалыкта киет. Өз атын кандай асырап минүүдөгү ички сырларын ээси, албетте, мыкты билет. Аялуу кийимди кийүүдө да ээсинин өз мамилеси болот. А бирөөнүн атын асырап минүүдө, ал ат сыры башкаларга анча белгилүү эместир. Бат эле тер сасып, кыйналып, сурап кийген кийими кирдеп, булганып калышы мүмкүн. Эми сөз төркүнүнө келсек, ат ээси, кийим ээси токанаалатта. «Тердетип-кирдетип коюптур» сымал сөздөрү айтылышы ыктымал. Мында өзү мингени, кийгени андагы кыйналган тери, кийиминин кири билинбейт…
«Ат жакшысы боз болот, эр жакшысы көк болот». Дөөлөттүүлөр жеринен боз ат тандап минүүсү – анын башкалардан айырмаланып бастырып келе жатышы. Топ атчандардан ал алыстан таанылат. Мындай атты эл өзүлөрү эле ылайыкташтырып турат. Ортодон сатып да мингизет. Т.а., бул өзүнчө форма, салабаттуу көрүнүш болуп эсептелет. Эр жигит бет алганынан кайра тартпайт, чабалдык мажирөөлүк кылбайт. Ойлогон оюн, тилеген тилегин аткарбай койбойт. Акыры максатын колуна алат. Көк – анын темирдей эрки! Албетте, бул – жигитчилик ар-намыс…
«Тон жакасы, журт атасы». Ар бир элдин журт башкаруучулары, акылдуулары, атактуулары, билермандары бар. Ошол бир ата, урук, уруу, эли анын айткандарынан чыга албайт. Аныкы акыл кенч, төп, калыс катары башкалар үчүн үлгү, санат, сыпат, нуска. Ал башкаларынан бардык жагынан моюнча ашып турат. Аны ата катары сыйлашат. Ошол тон жакасы, б.а., бир жакадан баш чыгаруу болуп саналат.
«Кепилдин кепини күйөт». Бирөөлөрдүн башы бирдеңкеге кириптер болуп, абакка түшкөнү жатса, адамкерчилик кылабыз. Анын иши биротоло бүтмөйүнчө баш чарасын камакка алдырбай, өзүбүз «ишеним кат» берип, эркиндикте кармап турабыз. Кепил – ишеним кат берген адам. Кепин – адам өлгөндө көрдө оронгон көйнөгү. Кээ бир күнөөлүү адамдар адамгерчиликтен тайып, качып кетип, ал үчүн кепили абакка түшөт. Макалдын мааниси мына ушундайды айтып турат.
«Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын». Турмуштун өзү араба, жашоо-тиричилик акырын кылдырап өтө берет. Ар адамдар ар кандай максаттарды көздөйт да, ошого катар аракеттери бар. Жандуу максаттардан, албетте, мыкты натыйжалар пайда болот. Айрымдардын иштери анчалык барып кете албайт. «Эптеп-септеп көр оокат өтө берсе болду» – өзүлөрүн ыкшоо тарттырат. «Өлбө жаным, өлбө» менен жан сактагандар учурайт. Макал ушул мааниде айтылат.
«Эки күнгө ээси бербейт, бир күнгө өгүз өлбөйт». Илгери өгүз аркылуу жер айдашчу, мала тартышчу, отун-суу алышчу, жүк жүктөшчү, ат минип көчүшчү. Ушундан улам сөз төркүнү чыйрала иштеп, андан эртерээк тыянак чыгарып калуу тууралуу баратат. Т.а., бүгүн бүтүүчү ишти эртеңкиге калтырбоо, сүрөй ургаалдуулукта аткарып калуу талабы бар.
«Күч атасын тааныбайт». Илгери таң-тамашалар арбын боло турган. Улут оюндары эр-азаматтардын алыкүчүн сыноочу. «Балбан күрөш», «эр эңиш», «улак тартыш», «найза сайыш», «жүк көтөрүү» ж.б. мелдештерде жаш-кары адамдар чыга берүүчү. Ал ошол элдин намысын коргоо үчүн тартынбай беттешүүчү, таймашуучу. Демек, аларды мындай иштерге салууда «күч атасын тааныбайт» деп айтышчу. Эптеп бири-бирин жеңиши зарыл.
«Мал арыгын сыйласаң, ооз майлайт, адам арыгын сыйласаң мурун каңдайт». Көтөрүм, арык малды жайлоого чыгарсаң, же атайын байлап бордосоң ал тунук семирет. Согум болот. Май жейсиң. Ал эми адам жылкы кыял келет. Айрым акыл-эси жогу адамча ага жасаган ак эмгегин билбейт. Кайра жакшылыкка жамандык аркылуу жооп берет.
«Мал ачуу – жан ачуу». Кыргыздар мал-жандуу келет. Анткени турмуш-тиричиликтеринде мал чарба азык-түлүктөрү арбын пайдаланылган. Ошондуктан: «Мал боор эт менен тең»,– дейт. Кээ жерлерде «мал ачуу – жан ачуу» деп да айтат.Ал эми жан таттуу экени далилсиз чындык. Малды багуу өтө опурталдуу, ары ардактуу түйшүк. «Ачуу – аны асырай билсең – нап көрөсүң» дегенди өтмө мааниде туюндурат.
«Мал бир жуттук». Бештүлүк мал төл эсебинен бат эле дүркүрөп көбөйөт. Илгери он миңдеген кою барлар, сансыз жылкылуулар чыккан. Ар бир бетеге, шыбак сайын козу-улактар ыңкып жаткан убактар болгон. Албетте, бул береке-бейпилдиктин белгиси. Бирок Ала-Тоо сыры белгилүү да. Айрым чактары кышы каардуу болот, кар калың түшөт. Темир аяз жандан өтөт. Тоют жетпейт, мал жерден от ала албай калат. Кышы узакка созулат. Ошентип, жут кармайт. Макалдын чоо-жайы ушундай…
«Малды баккан билет, отунду жаккан билет». Ар бир өнөктүктүн асылы, азабы болот. Асылы маңдай терди жандырат. Азабы – мал тапкандыкы эмес, баккандыкы. Баары бир мээнет аркылуу байлык жаралат. Малды, мисалы, кыштатуу, төлдөтүү, жаздатуу, кыркуу, жайлатуу, күздөтүү сымал өнөктүктөр малчыны сындан өткөрөт. Азабын колуна берип да коёт. Аны малчылар гана билет. Башкаларга аяктуу жаныбарлар өзүн өзү баккандай сезилет. Күргүштөтө жага берсе, отун түгөнөт. Отунду жага билүү керек, ошон үчүн отунду ашык салбай, анча өчүрбөй, түтүндү чыгарбай, тамак табы менен бышкандай, эптүү тамызуу, жагуу аркылуу отун үнөмдөлөт.
«Жөжөнү күзүндө сана». «Жаз – жарыш, күз – күрөш» – дейт. Жан-жаныбар жазында төлдөйт. Табияттын ар кандай шарттары менен көбөйүү, тирилүү, торолуу менен чыгым да, жоголуу да болот. Ошол төлдөөнүн жыйынтыгы күзүндө билинет. Малдын төлүн күзүндө чыгарат. Макал ошого байланышкан.
«Мал ээсин тартпаса арам өлөт». Бул терс мааниде айтылган. Айрым адамдардын кыял-жоруктары, башкаларга жасаган мамилелери жалпы адамдарга анча жага бербейт. Ушундай жагдайлары бардын малы, мисалы, минип жүргөн аты эмнегедир чалпоо, алакачкы, ээркачкы, тиштээк ж.б. кыялдын бирине шартташа түшсө, аны дароо эле ошол ээсинин мүнөзүнө байланыштырабыз.
Адам атка, ат адамга сыпатталат.
«Таяк тайга жеткирет, тай атка жеткирет». Таяк – койчумандын кой-эчки айдоочу кол куралы, койчулук менен акысына тай табат. Ал жүрө-жүрө сары таман ат болот. Демек, «адал эмгек, аста-секин акыбетти кайтарат, мээнет текке кетпейт» сымал маанини берет.
«Тай табылгыча таяк улоо, ат табылгыча аяк улоо». Бул тигиге маанилеш макал. Тай минип жүрсөң ал да каадалуу мингич. Жөө жүрбөйсүң, эл барган жакка барасың, аш-тойдон калбайсың, тай табылгыча өгүз, эшек минесиңби, ал таяк улоо катары каралат. Минип жүргөн тай, кунан бышты, асый анан ат болот. Демек, аяк улоо жылкы бар деп түшүнөбүз.
«Уйдун сүтү желинде эмес, тилинде». Болжолу кийинчерээк чыккан. Илгери уй үч маал, жылкы алты-сегиз маал, кой-эчки эки маал саалуучу. Бээ жарыктык ак жайда алты курдай чалса, төш таянып келсе саан болор эле. Илгери тоюттун күчү менен сүт саап алууга аракет болуучу эмес. Жайыт күр, жайлоо толукшуп турган чакта желинди сүт тээп туруучу. Кийин уйлар үчүн ар түрдүү сапаттагы тоют топтолуучу. Арбын сүт саап мамлекетке төксө, талаптагыдай сүт берээри сөзсүз. Кыргыздар желиндеги буюрган сүттү саап, музоосуна эмизүүчү. Ошондуктан кийин соң «уйдун сүтү желинде эмес, тилинде» деген макал басма сөздөргө жайнап кеткен.
«Керектүү таштын оордугу жок». Албетте, таш оор дечи. Муну өтмө мааниде тигил же бул нерселерге салыштырабыз. Мындайча айтканда, эл көчүп-конууда сарамжалдуулукта пайдалануучу буюмдарын журтка таштабай, оор-жеңилине карабай, ташпы, жыгачпы, мүйүзбү, сөөкпү жүктөй жүрүшчү. Аны ошол жайдан таап, жасап алабыз деп, журтка таштоочу эмес. Макал ушундан улам чыккан.
«Уй мурдун сасык деп кесип салбайт». Угушубузча илгери манап, бийлер, болуштар ж.б. ак сөөктөр уй мурду сасык деп, этине анча назар салуучу эмес дешет. Кыргыздар шартка жараша тоолуу аймактарда уйду аз, топозду арбыныраак асырашкан. Топоз – тоо малы, мингичтиги артык болгон. Азык-түлүктүүлүгү да бар. Бирок макал мааниси башкага буруп турат. Үй-бүлөдөн, бир атадан, уруктан начар бирөө чыкса, анысы эл көзүнө көрүнүп билинип турса, ар-намыс үчүн тууган ичи жерип салбайт. Жамандыгын билсе да, аны батырат. Өздүк, агалык, инилик, таяке-жээндик милдетин жасай берет. Кеп төркүнү мына ошондо.
«Ээси келсе, бээсин бер». Бул аласасы болсо алсын, бересеси болсо берсин дегенди туюндурат. Кээде бирөөлөр бирөөлөргө карыз болот. Ал өз учурунда бербей-тийбей, ана-мына деп, кыжаалат кылуулар, бергиси келбей куйрук үзүп кетүүлөр да бар. Ошондо ортодо калыстар ачыгын айтат. Өндүрүп берүүгө аттанып түшүшөт.
«Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр». Албетте, адамдар ар кандай жаралат. Айкөлдүк, көктүк, чыдамкайлык, чечкиндүүлүк, жоомарттык, кенебестик ж.б. сапаттары бар адамдардын жүрүш-турушунда бир мерчемдүү мүнөздүк көрүнүштөрү болот. «Ит кыял, «ичи тар», «чалчак», «орой», «сөгөнөөк», «көл», «сылаңкороз», «көйрөң»… Адамдар мунун бирөөлөрүнө кирет. Ошол анын жекече кыялы, башкалардан айырмалуу жагдайлары катары сезилет. Ал мындай, ал андай, тигил ошондой деп, белгилей алабыз…
«Башы оорубагандын кудай менен иши жок». Албетте, адам мүдүрүлүп кетсе, «кудай сактай көр» дейбиз. Алдыда коркунучтуу кырдаал түзүлсө, «кудайым өзү бар», «кудай карап турбайбы». Ушинтип турабыз… «Алла Таалам жар бол», «Теңирим калыс бол» сымал топуктукту тилейбиз. Кээде жайбаракаттыкта адам эч нерсени элебей калат. Башына иш түшпөсө кудай Теңирди да тааныбай коёт. Чолоосу тийбей көп иштер унутта калат. Оор шартта кудай да, ата-эне да, ага-тууган да эске келет. Келмени ошондо келтиребиз. Бардар турмуш баарын унуткарат…
«Дарак бир жерден көгөрөт». Макалдын түз мааниси өзүнөн өзү түшүнүктүү. Дарак көгөрсүн үчүн бир жерге тигет. Ал бүрдөйт, өсөт, бийиктейт. Мында өтмө мааниде алганда бир иште туруктуулукту, чыдамдуулукту көрсөтүү. Ар жерге орун которбой, бир орунда иштөөсү, төмөндөн тартып, жогору жактарга дейре көтөрүлүүсү, бир жайдан очор-бачар болуусу, баюусу, түбөлүктүү орун алып, түп тутуусу…
«Таранчыдан корккон таруу экпейт». Таранчы «таруучу» деген сөздөн. Чымчыктын бир түрү. Ал таруу, конокко өч келет. Албетте, таруу дан байлап чыккан чакта таранчылар топ-тобу менен келип конот. Мунун сазайын турумтай (кыраан куш) гана берет. Анын кабарын укканда таранчылар безип кетишет. Ошондуктан таруу, конок айдаган аймактарда турумтай асырашкан. Бул – макалдын түз мааниси. Эми бирөөлөр бирдемеден улам эле эчтеке кылгысы келбейт. «Антип коёт, тигинтип коёт» деп өзүнөн өзү кооптонушат. Эчтеке кылгысы, байлык өндүргүсү, «шылтоого-шыноо болуп», маңдай тер чачкысы, таман акы тапкысы келбейт. Муну «чегирткеден корккон эгин экпейт» – деп да коёт.
«Жазгы суук жандан өтөт». Адатта, чилде чыккандан кийин, (25-декабрдан 5-февралга дейре кыш чилде, бул астрономиялык эсеп менен) кар жыртылып кетет. Тоо баштарындагы кардын какаары аркылуу эртели-кеч шамал жүрөт, кара суук кайыктырат. «Беш тогоол өтпөй, бел чечпейт» – ошол кара сууктун «чопкуту», «апкыты» кетмейин карандай суук, карын май түгөнгөн, жону жукарып турган мал-жанга катуу таасир берет.
«Жети күнкү жаандан желип өткөн суу артык». Мында, ооба, «жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» деген да макал бар. Жаанчыл болгон жылдары талаа-түздө, ойдо-тоодо көк мыкты чыгат. «Баатыр туулса эл ырысы, жамгыр жааса, жер ырысы» буга үндөшөт. Негизи чөптүн чыгышы агрономияда нымдуулук, жарык жана жылуулук өтө зарыл. «Быйыл чөп ташка да чыкты» дейбиз. Бул, албетте, жаанга байланышат. Эми макалдын маани-жайына келели, бул айдоо аянттарына шартташкан учуру тууралуу айтылууда. Т.а., сугат учурунда эгинге кулакты коё берүүдө акырын, жерге сиңимдүү агат. Жогоруда айткандай өсүмдүккө жылуулукту, жарыкты, нымдуулукту ойдогудай сактоого, суу ичүүчү учуру келгени билинет, ал ошол шартта дандын өсүшүнө жагымдуу жагдайды түзгөн болот.
«Жамандык жерде жатпайт». Мындай маанилеш ма калдар, учкул сөздөр ондоп саналат. Бирөөгө жамандык кылсаң, өз башыңа кезеги келгенде токмок болуп ойнойт. Анткени чындык акыры жеңет. Ал козголот. Ошон үчүн бирөөгө бирдеме кылаарда өз башыңды ойло, ошол жамандык сага айланып келбесин, аны Кудай Таала жана күндөлүк мыйзамченем калыстап турат. Натыйжада: «Улуктун укуругу узун» – дейт. Бирөөгө жасаган жакшылыктын акыбети бирде болбосо, бирде айланып келет.
«Мал ээси – машаяк». Машаяк – өтө кыйын, билерман, көзү ачык, жаза айтпаган, көрөгөч сымал болжолдуу сөздөр аркылуу түшүндүрүүчү туюнтма. Албетте: «Мал ээси менен, баш мээси менен» – дейт. Адам да мал тууралуу кеп козголсо, анын эгедери катары эсептелет. Эгер бирөөнүн малын сойсоң, кыргыздар ээсине этин ооз тийгизет, эт жасап берет. Ушундан эле бирөөнүн бир буюмтайымын урунуп жүрсөң, малын мингич кылсаң, убайын көрсөң, аны кез-кез ичтен ыраазы кылып жүрөсүң…
«Укмуштуунун төөсү жорго». Адатта, төө жорголойт. Бирок «жорголоп» деп айтылбайт. Жорголордун мелдешине төө кирбейт. Ушундан улам бир туура эмес адаттан сырткары аракет иштерди көргөндө, укканда, таң калуу менен: «Ушундайча да болот экен, ээ?!» – деп шыпшынып калуулар бар.
«Байдан май, кедейден туз чыгат». Түз мааниде түшүндүргөндө туура, байда май бар. Тузду байга кедейлер жүктөп келет. Туз кээде кедейликти түшүндүрөт. Бирөөнөн бирдеме чыгуу керек да. Экинчи жагынан элдин эриш-аркак, өбөк-жөлөк, аз-көптү, бирине бири кайрымдуулукта жашоолору, алгалоолору, жардамдашуулары тууралуу сөз мааниси бара жатат. Б.а., байлар – мал, байлык, дүнүйө ээлери. Алардын малын кедейлер кайтарат, отун-суусун алат, чөбүн, көңүн чабат. Кыштоого, жаздоого, жайлоого, куздөтүүгө көчүрөт. Албетте, айыл отурат, мындай өнөктүктөрдү жарды-жалчылар жүргүзөт. Бай аларга милдеттүү болуп турат. Анын тузуна татыйт.
«Бай жарды болсо, үч жыл байлыгын унутпайт, кедей бай болсо, үч жыл кедейлигин унутпайт». Нагыз ойго туура жооп берүү керек. Бай болгондор түп тутуп калат.
Бай шаан-шөкөттүн каадасын, салтын, үрп-адатын бат эле жоготуп, унутуп, куржалак отуруп калбайт. Мал-дүнүйөсүнүн жук-жумуру, сөөлөтү болот. Каада күтөт. Салтын сактоого бар аракетин кылат.
«Байлык колдун кириндей». Оомалуу-төкмөлүү жашоотурмушта «Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес». Бирде толот, бирде бөксөрөт. Бул – жарык-жалган дүйнөдөгү мыйзамченем. Адамзат баарына кайыл. Барда бардай, жокто бечарадай жүрүүгө күндөлүк тиричилик моюн сундурат. Жут, табияттын алааматтары болот. Сел жүрөт, жер титирейт, малга дарт аралайт, өрт, согуш чыгат. Мына ушундайлардан соң байлык адамга опо болбойт. Кийинчерээк «акча колдун кири» деп да жүрүшөт. Т.а., байлык бирде келет, бирде кетет. Жукса жугат, жууса кетет.
«Өлгөн аттын такасын издеген байча». Аны: «Алты ай жер кезип, издеди» – деп да айтат. Толук мааниде айтканда алты ай өлгөн аттын такасын ким эле издесин, шарттуулукта алганда күйдүрө айтып, дүнүйөкөрдукту билдирүүдө. Болбогон бирдемелерди дүнүйө көрүп, мүлк деп, жыйнап-терип жүргөн шордуу сараң, сасык байлар жана битир адамдардын элеси эске түшүп отурат. «Бай соёрго козу таппай жардынын жалгыз козусун сурап барыптыр» – дейт эмеспи.
«Бакыр киши паанада». Бакыр киши – өз тиричиликтерин жасап, малы бар, жаны, даны бар дегендей бирөөлөр менен иши, ыры-чыры жок, кудай момун катары жүргөндөр. Паана – эл ичин маанектөө. «Бир кудай өзү паана» – дейт эмеспи. Албетте, тынчтыкта алдым-жуттуму, куудум-шуудуму жоктор да, каада-наркты да, салтты да, үрп-адатты да, элдик жөрөлгөлөрдү эл катары сактаган, жөнөкөй, коңур адамдар. Бакырчылык – журт арасында катардан калбай жашоо, кесип кылуу…
«Алтынды чыккан жеринен каз». Жашоо-жарыкчылыкта адамзат бирдей мамиледе, баары эле ойдогудай жашоого эч мүмкүн эмес. Бирөөлөр жоомарт, берешен, бейпил, берекелүү, алымдуу-беримдүү. Тескерисинче, сараң, саресеп, пейили тар, аласа-бересеге жок, адамдык сапаты начар ж.б. аркылуу пенде оң-терс касиеттерге эгедер.
«Алтын чыккан жеринде каат». Түшүнүктүү, сөз кым батчылыкты билдирет, мисалы, мал киндиктүү жерлерде мал, эт, сүт, жүн, тыбыт өңдүү мал чарба азык-түлүктөрү өз шартында арзан болушу керек эле. Дыйканчылыктуу жерлерде эгин, жашылча, мөмө-жемиштери өңдүүлөр сөзсүз башка аймактардан арзан турушу зарыл эле. Сөз ошол айтылган ойлордун тескери чыгып турушу тууралуу баратат.
«Артык дөөлөт баш жарбайт». Биринчиден, дөөлөт
– эмгек, түштүк кыргыздар ушинтип айтат; Экинчиден, ардактуу жүрүш-турушу, жакшы каруу кийинкилерге үлгү көрсөтүү. Албетте, андай шарттарда адам баласы аны көтөрө билүүсү керек. Таасын эмгектенүү менен даражага, бакытка, байлыкка жетүүнүн оорчулугу болбойт. Ал маңдай тер, таман акы тапкан байлык нап берет, көөп кетпейт.
«Артык кылам деп, тыртык кылып». Бул негизи иш кылууга карата айтылат. Уз – уста, мисалы, бир буюмкечени кармап жатканда өзүнүн үлгүсү болот. Үлгү – жасалуучу буюмдун өзү. Ошону кайрадан жасаганда мурункудан да мыкты кылам деп, ошентип отуруп кайра-кайра бузуп алат. Аны оңдоо кыйын болот. Артык кылам деп тыртык кылат. Үй салууда, үй жыгачын узанууда, дубал согууда ж.б. аракеттенүүдө бузуп алуулар, туура эмес баштоолор көп кездешет.
«Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт». «Куш деп жалпы куштар айтылууда. Ага: ителги, барчын, куш, жагалмай, турумтай өңдүүлөр кирет. Өтмө мааниде бирөөдөн бирдеме сурасаң, ал кыйылып туруп берүүсү бар. Же бирдемелерин шылтоолоп, жооп айтып коюусу да болот. Берээрин берип коюп өкүнүп, ичи ооруп калуулары да кездешет. Сөз төркүнү ушул жагында ыктоодо.
«Ат табылгыча аяк улоо». Аяк улоо – жөө жүрбөө. Аркалуу аттын ордуна тайбы, байталбы, бээби, кунанбы, быштыбы жылкылардан жашына, чоң-кичинесине карабай убактылуу минип туруу. Төөнү да минген учурлар бар.
«Ат сураган кордук эмес, ээр сураган кордук». Бир жакка минип бастырууга, бир зарыл жумуштарын бүткөрүп алууга, же атайын сурап мингич кылууга, көздөгөн жерине жетип алууга туура келет. А бирок ээр-токумун кошо токуп бирөөлөр берүүсү өтө кыйын. Себеп дегенде ат минүү доорунда ар бир үй-бүлөдө өзүнчө ээр-токумдары бар. Анысы дайыма ат үстүндө болот. Бардык жумуштар ат аркылуу бүткөрүлөт. Мал кайтарат, мал тосот, айылчылашат, көчүп-конушат, демек, башы бош ээр-токум болбошу мүмкүн… Ошондуктан, аттан айрыл, ээр-токумдан айрылбашыбыз керек.
«Ачкадан өлгөн наабайчынын коюнунан алты нан чыгыптыр». Наабайчы – дандырга нан жапкан, аны базарга саткан адам. Токоч – нан (кыргыздар нанды казанга бышырган, ал «токоч» деп аталат). Мында токоч бышырган наабайчы баарынан ток болору белгилүү. Көп адамдын өтө сараңдыгы, башканын курсагы эмес, өзүнүн да курсагына ыроо көрбөгөн өтө битирдикти, соодагердикти билдирип турат.
«Мерген мергенди алыстан көрөт». «Балыкчы балыкчыны алыстан көрөт» – деп да коёт. Адам адамды деле алыстан көрөт. Бирок мергендердин ички сырлары бар. Алар бири-биринин кулк-мүнөздөрүн, баарынан мурун сезет. Т.а., «ууга чыкканда ээрчигендерден ичи тарып, уусун атпай коёт», «өтө семизин атпай, арыгын атып коёт», семизин өзү жалгыздап келгенде дааналап атат», «көп атпайт, аз эле атат», «көбүн кийин атат». Мына ушул сымал чындыктар жеринен бар. Мерген канчаны атса да, олжону бөлүштүрүүдө баарынын көөдөнүн, башын, терисин бүт ээлеп, анан берки бөлүктөрдө да өз үлүшүн алат. Макал мына ушундай ички сырданалыктан улам чыгат.
«Мерген жанын жейт, үйүндөгүсү майын жейт». Тоо-таштарды аркалап, эчен татаал жерлерди басып, өңүтүн таап, кайберендерге жыт алдырбай, ошончо убаракерчиликте мерген уусун атат, атпай да калат. Атса, корумдардан жайыкка алып түшүүсү тийиш. Куру кол үйгө кайтуу андан да убарачылык, аска-зоолордо жатып калат. Мына ушундай түйшүктөрдөн улам учкул сөздөр айтылып калганы баамдалат.
«Жоголгон бычактын – сабы алтын». Албетте, жо голгон бычактын бардыгынын эле сабы алтын-күмүш боло бербейт. Ал жыгачтан да, сөөктөн да, мүйүздөн да сапталат. Кеп, өтмө мааниде, жоголгон буюм-тайымдын, көзү өткөн адамдын кийин бааланышында, баасынын артылышында. Адамдар көзү тирүүсүндө көп барк алынбайт. «Атаң көрү, баркы эми билинип жатпайбы?» – дейбиз. Бала үчүн кийин ата-эне да так ошондой сезилет. Тирүүсүндө кадырлабайбыз.
«Жыгач кессең узун кес». Негизи, уста-уздарга карата айтылат. Ар нерсени (мисалы, буюм-кийимди) кармоодо «жети өлчөп бир кесет». Ошондо чебер өзүнүн чен бирдиктери: сөөм, карыш, нукум, эли өңдүүлөрү аркылуу буюмдун нак үлгүлөрүн жаратат. Эгер жыгачты үлгүгө салып кесе турган болсок, сөөмбү, нукумбу узун кесет. Анткени «жоно», «таарый», «өлчөй», «жыша» ж.б. аракеттерди жүргүзө келгенде кичине ашык болсо, аны кыркып коюу оңой. Жыгач кем, кыска келсе аны узарта албайсың. Темир кыска кесилет. Эгер узун болсо, ал кыркылбайт. Үлгүгө чактап, кичине кыска болсо аны чыңап, сомдоп, ийине келтирип коёт. Көйнөк, чепкен, кемсел, чапан, шым өңдүү жумшак жердиктерди жыгачтай кененирээк алат. Кыска бычса, ал курак болуп калат.
«Кул күмүш тапса, аны коёрго жер таппайт». Мында да башка ойду өтмө мааниде туюнтуп турат. Күмүштү кыргыз баласы үчүн колдонууда, жасоодо жолдуу дешет. Себеби күмүш менен узанышканды «зергер» дешет. Сөз бей-бечаралар күмүштү иштете, пайдалана албайт. Аны кантип пайдалануунун ыгын, жол-жоболорун билбейт. Ал билип да көргөн эмес. Ал ата-бабасы күмүш кармабаган топор өңдүү түшүнүктү берип турат.
«Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын ала жүрүптүр». Сөз төркүнү байга караганда кедейдин марттыгын билдирүү. Бай болууга, мал күтүүгө ынтызар эместиги, бычагынын курчтугу. Адатта, байлык бир тыйындан куралат дейт. Томаяктардын, кембагалдардын, кедейлердин, букаралардын өз алдынча жашоого караганда, бирөөлөргө жалданып, малай болуп, эптеп оокат кылууга жеңилдей туюлушу…
«Оюндан от чыгат». Кыргыздардын ата-бабалардан бери келе жаткан оюн-тамашалары бар. Ал да жаш өзгөчөлүктөрүн айкындап турат. Жаштар оюну, улгайгандар оюну, карылар оюну, ат үстүндөгү оюндар… деп, бир топ түрлөргө бөлүп, ошол оюндарды өзүнүн жол-жоболору аркылуу жүргүзүү – адамды кумардан чыгаруусу. Ойноп, эс алуу, кийинки муундарга үйрөтүүсү, алар анын баркын билгендей даражада машыгып чыгууга шарттар түзүүсү. Оюндан от жанат – мындан чыр чыгарат де гендик.
Биринчиден, таң-тамашаларды өз эрежеси менен жүргүзбөөдөн пайда болот, буга ар бир көрүүчү күбөгө тартылат.
Экинчиден, оюнчулардын ичинен чырлар чыгат. Алар уттуруп баратканда итакайлашып, эптеп жыдытууга алып барат.
Үчүнчүдөн, Оюнда да теңсинбөө, утса унчукпай калуу, уттурса чырга айландыруу жагдайы бар.
Төртүнчүдөн, оюндун тууралыгы, тазалыгы, нукуралыгы үчүн күйөрмандар чыдабай кетүүсү, акыйкаттык талап кылуулары бар. «Ордо», «упай атуу», «ат чабуу», «улак тартуу», «жорго салдыруу», «кыз куумай», «жоолук таштамай», «эл чабар», «акчөлмөк» өңдүү улуттук оюндарда чыр чыгаруу аркылуу тарап кетүүлөр көп болгон.
«Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл». Нар – төөнүн чоңу. Атан төө, лөк төө, буура төө деп да коёт. Негизи нар өркөчү бир. Ал – чөлдөрдү басуучу төөнүн бир тукуму. Төөдөн жыгылуу, албетте, бийиктиктен жыгылуу. Эми өтмө маанисине келсек, күрөшсөң да, мелдешсең да, тирешсең да, төкөрдөшсөң да, барымталашсаң да, басташсаң да, кыйындар, улуктар, менменсингендер, төбөсү көрүнгөндөр менен ачыкка чык. Тобокел тууду, жалтанба, чүнчүп калба, андан өчүңдү ал, аяшууга болбойт. Же жеңдиң, же жеңдирдиң, уттуң же уттурдуң, эмнеси болсо анын бир талуу жерин таап, ошонусун кармоосу. Арийне, бул чечкиндүүлүгү, бир чети эр-азаматты кайраткердүүлүгү, тайманбастыгы, тай машуусу ж.б. жигиттик сапатка даана татуусу. Буйла – төөнүн мурдун тешип, ага өткөрүлгөн жип, аны менен төө жеңил жетеленет. Сени менен ачыкка чыгуучунун аяшка эч кандай мүмкүн эместиги. Бул карама-каршылыктын өтө курчушу.
«Жыгылсаң жер көтөрөт». Бул – кыргыздын таң-тамашаларын жүргүзүүдө ар элдин намыс үчүн түшүп жаткан балбандардын оозунан чыгуучу сөз. Башка журтчулуктун алдында «чыга бер, баатыр, жеңилсең, жыгылсаң, балбанды кара жер көтөрөт» деген карылардын шердентүүсү. Кайраттуу жигиттердин топ ичинен суурулуп чыгып, дароо балбанга түшүүгө даярдануусу. Мисалы, «балбан күрөштө», «эр эңиште», «найза сайышта» киши чыкпай калды деп, мөрөйдү тим эле алдыргандарга караганда, чыгып жыгылып берүү алда канча абийирдүүлүгү, а мүмкүн, андай балбан жыгып, кудайдан болуп, мөрөйүн өз колуна алуусу, андан бетер ар-намыстын тузуна татуусу. Күкүрттөй кайнаган калың элдин демин суутуусу. Макалдын маани-жайын ушундай туюнтууга туура келет.
«Жыгылган күрөшкө тойбойт». Албетте, кээ-кездери кайра-кайра адамдар күрөшкө түшкөн учурлары бар. Ал балбанын бир жыгып калууга куштар. Ошон үчүн кайракайра балбанга түшө берет. Төтөн, балдар өз ара ойноп, оюнга тойбой күрөшө берүүлөрү «ит жыгылыш» болушат. Эми өтмө мааниде түшүнүүдө бир иштин аяк-башын, бүтүрүүчү-бүтпөөчү жагдайын билбей, колунан келбеген кириптер ишке өзүнүн уламдан-улам малына, чалына берүүсү. Аны кайрадан баштоосу, биротоло бүтүрө албоосу, чама-чаркынын чактыгы, майнапсыз аракеттерден кур тыянак чыгаруусу. Өзүнчө убаракерчиликти көрүүсү. Макалды бир гана ушундайча түшүнүүбүз зарыл.
«Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат». Баса, малды айдоодо, тосууда, чыгарууда, мисалы, жылкыны «так», «чү», «мо-мо», «кыруу-кыруу», эчкини «чек», төөнү «чөк» дешкен. Албетте, жылкыны айдоо, тосуу шаңдуу, жеңилдей туюлат. Ар бир малдын мүнөздүү белгилерине карата аларга мамиле кылуубуз бар. Ышкыруу – көңүлү жайлуулугу, мында бир чети дүнүйөсү түгөлдүгү. Өзүнчө ыраазы болуучулугу. Эми сөздүн өтмө маанисине келгенде: «Ал дасмиясы ошол экен, кайсы арына карап кайра-кайра өзүнчө бой көтөрүү кылат, элге көрүнөт. Аны билебиз го, эмне алы-шайы бар. Бөтөнчөлөнүп, эмне эле көөдөнүн көтөрөт, кудай деп тим эле калк катары жүрбөйбү?» өңдүү ойлор туулат. «Жылкычым, жылкыңа карап ышкыр, мурзам, мурдуңа карап бышкыр» деген макалдын чоо-жайы да ошондон.
«Эгиз улакка айры шыбак». Эгиз улак түшүнүктүү.
Шыбак – тоют өсүмдүгү. Анын айрысы – эки бутагы. Беш түлүк ири алдыда ушул шыбакка тоюнат. Калган көк чыкканда муну мал карабай да калат. Макалда өтмө маанисинде мал-жандын ырыскысы бар. Төрөлгөндөр өз ырыскысын ала келет. Тирүүчүлүктө өзүнүн буюрганын, бешенеге жазганын көрөт. Жараткан кур жалак койбойт өңдүү маани жатат.
«Чабал өрдөк мурда учат». Өрдөктүн үйдөгүсү, жапайысы бар. Чабалы, мүмкүн мурда учабы, тең учабы, кудай акы баамдообуз кыйын. Жапайы өрдөк сак болору белгилүүдүр. Анын ургаачысын да «чүрөк» дейт. Ал өтө кооз көрүнөт. Эми өтмө маанисине келелик. Бул ар адамдарга карата багытталат. Айрым отуруп-турганы элпек, жеңил ойлуу, чалакайым мүнөздүүлөр бар. Өзүнүн бар сапаттарын бат эле журт көзүнө билгизип коёт. Жүрүш-турушу эле анын кимдигин аныктайт. «Бул, кудай ургур, учкаяк жылкыдай эмнеге эле желпинет, жаны жай албайт. Бир орунга азга байырдаса боло? Учуп кетеби?» – өңдүү баага татуучулар бар. Барар-коёр жерине элден мурда аттанат. Анын жеңилдиги, бирок зыянсыздыгы элге-журтка маалым. Макал кыскача ошолорго арналат.
«Мал байдын маңдайына, элдин таңдайына бүтөт». Байлардын ар кандайы бар. Түптүү бай, чыктуу бай, сараң бай, сасык бай өңдүүлөрү менен сыпатталат. Илгери байлардын байлыгы мал аркылуу өлчөнгөн. Кою-эчкиси мынча, жылкысы анча, уй-топозу, төөсү тигинчеден саналып, ошого карата калыс элдин өз баасында турушкан.
Байлар бир атанын балдарынан, бир уруктан, бир уруудан чыгышкан. «Бай» деген атка конушкан. Алардын баары эле чыктатырбас Чынарбай болгон эмес. Бай өзүнүн эли -журту менен отурган. Тууган-уруктуулар үчүн бай эч аянууга шарты жок. Себеп дегенде, байдын кой-эчкисин бирөө, уй-топозун башкалар, жылкыларын жана бөлөктөр багып, көздөп, байды тегеректеп бутуна бут, көзүнө көз болуп, малын саап, отун-суусун алып, байды эл аралатып бастырып койгон. Ага-ини ичинде анын аброюн көтөрүшүп, байдын айылы, ошентип, бир бүтүмдү түзгөн, тең туугандык кылып, байдын тегерегиндегилер союшун, мингичин, саанын алат. Шерине, денгене жешет. Үлүш беришет. Жакшы санаалаштары, куда-сөөктөрү менен алышы-бериши, катышы жүрөт. Буга, албетте, бай өзү да баш көз болот. Ал жокто келүүчү конокторду ойдогудай узатышат. Бир гана негиз, байга ак ниетте кызмат кылуусу. Бай аны баалоосу, башка эл-журтка жаманатты болбоосу, айыл ичинде бир боордоштору анын баркын, мартабасын көтөрүп туруусу – түптүү, чыктуу байлардын касиетине доо кетирбей, жеринен сактап келүүсү.
Макал-лакаптар.
Адам адам үчүн табылбас дары.
Адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста.
Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман.
Адамдын тизгини – акыл.
Адам катасыз болбос, көл бакасыз болбос.
Адам көркү – акыл.
Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
Адам эли менен, каз-өрдөк көлү менен.
Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт.
Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
Акыл – деңизден терең, билим – тоодон бийик.
Акылдуу иш – канаттуу куш.
Акыл – жаштан, асыл – таштан.
Акылман өзү өлсө да, сөзү өлбөсүн.
Акыл тоону бузат, баатыр жоону бузат.
Акыл чирибейт, акыл азбайт.
Ачуу – душман, акыл – дос, акылыңа акыл кош.
Ашык билим жүк болбойт.
Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат.
Билимди сатып албайт, казып алат.
Билимдүүнүн түнү – күн, билимсиздин күнү – түн.
Билим – элге, суу – жерге.
Дарак жемишинен таанылат, адам акылынан таанылат.
Жакшы болсоң жатык бол – чындык сенден адашпайт, карапайым калыс бол – сени төмөн санашпайт.
Жакшы – журттун камын жейт, жаман – журттун малын жейт.
Жакшыны сөз ээрчийт, жаманды чөп ээрчийт.
Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети тиет.
Жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт.
Жаманга жалынбагын малы бар деп, эшекти сылабагын жалы бар деп.
Жаманга башчы болгуча, жакшыга кошчу бол.
Жаманды жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат.
Жаман малын коруйт, жакшы арын коруйт. Зор адамга жакшы адам сөзү менен теңелет, бар адамга жок адам күчү менен теңелет.
Илим ийне менен кудук казгандай.
Окуган – жарык, окубаган – чарык.
Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы. Осол өскөн бак – бутагын көтөрө албас, осол өскөн адам – атагын көтөрө албас.
Өмүрдө чек жок, жакшыда кек жок.
Сабырдуулук – акылмандын шериги.
Улуу адам – улуу тоо сыяктуу. Улуу-кичүүнүн кадырын билем десең – агыны катуу суудан кеч, ашуусу бийик тоодон аш.
Үмүт адам менен тең жашайт.
Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич. Эр жигит жолдо жүрөр жолдош менен, карышкыр жолдош болбойт жолборс менен. Бир жүрбө миң-миллиард берсе дагы, акылы жок акмак, наадан менен. Айга кол сунба, момунга чоңсунба.
Айдын жарыгында жол жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
Ак кар тоо башын чулгайт, жаман ат адамды булгайт.
Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт. Алтынды орогон менен жез болбойт, жибекти орогон менен бөз болбойт.
Алтынды чыккан жерден каз.
Алтын – отто сыналат, адам – жокто сыналат.
Алтын чыккан жер кадырлуу, калыс жүргөн эр кадырлуу.
Атадан алтоо туулса да, ар жалгыздык башка түшөт. Аттын баары тулпар эмес, куштун баары шумкар эмес. Ашуусу болбой тоо болбойт, аркары болбой зоо болбойт.
Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичээрге суу таппай жүрөт.
Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.
Булуттан чыккан күн ачуу, жамандан чыккан сөз ачуу.
Дүйнөнүн шамы – билим, жашоонун шамы – эмгек. Жакшы деген бир атты кууса кетпейт, жаман деген бир атты жууса кетпейт. Жолборс изинен, жигит сөзүнөн кайтпайт.
Канаттуунун баары кыраан эмес, сойлогондун баары жылан эмес.
Канаты менен учкан куйругу менен конот.
Карга бакса куш болбойт.
Карысы болбой эл болбойт, тулаңы болбой жер болбойт. Карыялуу үйдө – кут, кара бороон болсо – жут.
Куш жаңылса торго түшөт, эр жаңылса колго түшөт.
Күндү бузган ала булут, элди бузган ушакчы чуут.
Өрдөктүн өзү көктө болсо да, көзү көлдө.
Өтүгү жаман төрдү булгайт, оозу жаман элди булгайт.
Сууну көп кечсе чалчык болот, сөздү көп сүйлөсө тантык болот.
Тоосуз жер болбойт, доосуз эл болбойт, Тоо ташсыз болбойт, эл башсыз болбойт. Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбойт эл болбойт.
Шумкарды жүнүнөн таны, жакшыны үнүнөн таны.
Эсиң барда этегиң жап.
Эски даракты түбүнөн кыркат.
Адам аласынан сөз аласы жаман, от чаласынан сөз чаласы жаман.
Адамга чычалак жрашпайт, атка жаталак жарашпайт.
Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман.
Акылман кебине таянат, азамат элине таянат.
Артында бөз калгыча, сөз калсын.
Ата – акыл, ага сөзү – асыл.
Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт.
Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
Бетке айткандын заары жок.
Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.
Бир сап ырдан бир кап чыр да чыгат.
Бозодогу сөз бокко жарабайт.
Бутунан мүдүрүлгөн турат, тилинен мүдүрүлгөн турбайт.
Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка жечү көп.
Бычак жарасы бүтөт (айыгат), сөз жарасы бүтпөйт (айыкпайт).
Дааналык менен кыскалык – сөздүн көркү.
Жакшы адамдын белгиси – азыраак сүйлөп көп тыңшайт,
Жаман адам белгиси – көбүрөөк сүйлөп, аз тыңдайт.
Жакшы адам сөздү таап сүйлөйт, жаман адам каап сүйлөйт.
Жакшыга – бир сөз, жаманга – миң сөз.
Жакшы сөз жан сергитет, жаман сөз жан кейитет.
Жакшы сөз – суу, жаман сөз – уу.
Жол атасы – туяк, сөз атасы – кулак, суу атасы – булак.
Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
Каз, өрдөк көлгө таянат, чечендик сөз жөнгө таянат, кемпир-чал төргө таянат.
Какшык сөз кадырлашты да бузат.
Карынын кебин капка сал.
Кен асылы – жерде, сөз асылы – элде.
Көз жетпеген жерге сөз жетет.
Көйнөктүн кири жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет.
Көп баатырдан жоо кетет, көп чеченден доо кетет.
Көптү көрбөй көсөм болбойт, көп сүйлөбөй чечен болбойт.
Көп ыйлаактын көзү жаман, көп сүйлөөктүн сөзү жаман.
Кургак сөз таш жарат, куру кайрат баш жарат.
Куру суудан май чыкпайт, куру сөздөн маани чыкпайт.
Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет.
Ойлобой сүйлөгөн, онтобой ооруга жолугат.
Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө.
Ой – сөздүн булагы.
Ок жарасынан сөз жарасы жаман.
Өз күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат.
Өкүм болмок – өзүңдөн, сылык болмок – сөзүңдөн.
Өнөр алды – кызыл тил.
Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
Сөз айтпагын болбоско, суу куйбагын толбоско.
Сөз атасы – ыр, сөз катасы – чыр.
Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт.
Сөздүн көркү – макал, карынын көркү – сакал.
Сөзүң өлгөнчө – өзүң өл.
Таасирдүү сөз – тарбияга көмөктөш. Таза үрөндөн өнгөн дан дыйканды байытат, ак ниеттен чыккан кеп адамды марытат.
Тилди бош койсо, тишти сындырат.
Тилдин кулпусу тиш.
Тоодой сөздү бергенче, берметтей ишти бер.
Улуунун сөзүн урматта, уурулар менен сырдашпа. Чын айтып залал тап – акыры жетесиң мураска, калп айтып пайда тап – акырында каласың уятка.
Чындык сөздүн душманы көп.
Шыбыр кеп болбойт, шыйрак эт болбойт.
Ырчынын тилинде мурчу болбосо, сөзүнүн курчу болбойт.
Эби бар иш бүтүрөт, кеби бар сөз бүтүрөт.
Эненин сөзү – нур, атанын сөзү – ур.
Эттен өткөн таяктан, сөөктөн өткөн сөз жаман. Ата-эне кара мүртөз болсо – өз баласын каргайт, Кан кара мүртөз болсо – өз башын жалмайт.
Аткан ок таштан кайтпайт, элчи кандан тилин тартпайт.
Бастырганды билбеген – жолду бузат, башкарганды билбеген – элди бузат.
Бетеге кетет – бел калат, бектер кетет – эл калат. Бийди кудай ураарда байталын сатып ат кылат, жакшыны кудай ураарда жакшыны сатып жат кылат. Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол. Бөдөнөнү кыргыйга жем жараткан дүнүйө, эки эгиздин бирөөнү кем жараткан дүнүйө.
Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны, журт баштаар уулду сөзүнөн тааны.
Көсөө узун болсо кол күйбөйт, молдо көп болсо жол тийбейт.
Кушту жырткыч кылган – тырмагы, кишини сүрдүү кылган – мансабы.
Момундун эсебин куу табат, куунун эсебин кудай табат.
Мусаапыр болмок – бир күндө, мусулман болмок – миң күндө.
Өкүмү болбой өнүкпөйт, башчысы болбой марыбайт.
Өлбөгөн жанда үмүт бар.
Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт.
Уй териси тон болбойт, урушкан киши чоң болбойт.
Улук болсоң – кичик бол, бийик болсоң – жапыз бол.
Эл камын ойлоп башкаргандык – кеменгерлик, эл тагдырына кол көтөргөндүк – текеберлик.
Эл каргаса – жерге батпайт.
Эл үмүтүн эр актаар, эр атагын эл сактаар.
Эл – ыйык, элден чыккан – суюк.
Эрден ашмак бар, элден ашмак жок.
Эрдин даңкын эл чыгарат.
Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.
Ак менен кара жарышат, акка кудай болушат.
Алма сабагынан алыс түшпөйт.
Алсызды жөлөгөнүң – ырыска бөлөгөнүң.
Алтын баш аман болсо – жокчулук эмне кылат.
Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет. Атанын дөөлөтү колдун кириндей.
Ачкалык – аш тандабайт, ашыктык – жаш тандабайт.
Багы бардын ташы да өйдө кулайт.
Байлык – бакыт эмес.
Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес.
Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер.
Бак карабай, кыдыр да даарыбайт.
Бактылуу болуу – мүнөздөн, баатыр болуу – күрөштөн.
Бакыт жерде, эринбей эңкейип ал.
Бекерден Теңирим безер.
Бекер ичкен – бейтаалай, таап ичкен – чоң таалай.
Бир кишинин дөөлөтүнө миң киши мас болот.
Буудай сепкен таалайсыздын аңызына арпа чыгат.
Жакшы адам – жер эсебинен, жаман адам – эл эсебинен жан сактайт.
Жаман адам өз ырыскысына өзү түкүрөт.
Жаманга дөөлөт жар болсо, көтөрө албай мас болот.
Качкан бакыт кайрылып келбейт.
Мээнет болбой, дөөлөт болбойт.
Мээнет жалпак, дөөлөт тоголок болот.
Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт.
Талпынбай тилекке жетпейт.
Таянган досу бийик болсо, ыргыткан ташы алыс түшөт.
Түркүктү түртпөй билбейт, эмгексиз бакыт үйгө кирбейт.
Улууну урматтаса – кут конор.
Чырактын жарыгы түбүнө түшпөйт.
Ырыскыны жер берет, ынтымакты эл берет.
Элге эл кошулса – дөөлөт, элден эл кетсе – мээнет.
Эмгек бар жерде жылыш бар, жылыш бар жерде ырыс бар.
Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан.
Эмгектенгенге бак конот, эмгексиз элге жат болот.
Аккан сууда арам жок.
Адалдын тамыры миң, арамдын тамыры бир.
Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
Абийири чыккан жигиттин узун бою пас болот.
Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
Ак ийилип сынбайт.
Арамзада эл бузаар, айкын жерди сел бузаар. Ат башына күн түшсө – ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө – өтүгү менен суу кечет.
Атты аркан байлайт, эрди ант байлайт.
Барга – канагат, жокко – сабыр.
Баш кесмей бар, тил кесмек жок.
Кетмен чапкан – нанын жейт, ууру кылган – жанын жейт.
Көп жойлогон түлкү капканга түшөт.
Мыйзам дегендин укуругу узун болот.
Тузга кара санаган жарыбайт.
Уу ичкен бир өлөт, ант ичкен миң өлөт.
Элинен качканды бөрү жейт.
Адал эмгек элге жеткирет, арам эмгек элден кетирет. Азамат болсоң ак иште, аздыр-көптүр мал болот, бекеринен мал тапсаң, берекеси жок болот.
Аракет кылсаң, береке болот.
Бир күн кетмен чапкан – нандын даамын билет.
Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
Дыйкан – март, жер – жоомарт.
Дыйкан өгүздөй күчүн берсе, жер инектей сүтүн берет. Таранчыдан корккон таруу айдабайт.
Эмгегиң менен элге жак, кор кылбай асыл жанды бак.
Эмгек – дайра, билим – кеме.
Эмгек кылсаң, өнмөк бар.
Эр эмгегин жер жебейт.
Ак көңүлдүн аты арыкчаал.
Аргымак аттын куйругу – бирде жибек, бирде кыл, эр жигиттин белгиси – бирде мырза, бирде кул.
Ат айланып казыгын табат.
Ат аяган – арыбайт, аш аяган – жарыбайт.
Ат – аягынан, эр – тамагынан бузулат.
Аттын ачуусу кулагынан билинет, иттин ачуусу куйругунан билинет.
Ат чапкан киши – талапкер, ат берген киши – күнөөкөр.
Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны.
Ачка короздун түшүнө актаган таруу кирет.
Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп.
Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы.
Жакшы дос жаныңа жолдош, жаман дос малыңа жолдош.
Жакшы эрдин жашын сураба, жакшы аттын тишин ачпа.
Жоргонун тери кургабайт, эркенин жашы кургабайт.
Жүктүн оорун нар көтөрөт.
Тулпар жерин, эр элин сагынат.
Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок.
Ээнбаштык менен тапкан малың – өз башыңа жүк болоор, эмгек менен тапкан малың -өлгөнүңчө мүлк болоор.
Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
Айбыкпаган сынчы болот.
Ак карлуу тоонун этегин адис мерген кийиктейт, алганы жакшы жолукса азамат көркү бийиктейт.
Боёкчу-боёкчу десе – атасынын сакалын кошо боёптур. Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун.
Гүлсүз булбулдун үнү жок, элсиз ырчынын күнү жок. Жаман атты жакшы бакса – тулпар болот, күйкөнүн табын тапса – шумкар болот. Жез кадырын жезчи билет, эр кадырын эл билет.
Жибекти тута албаган жүн кылат, катынды күтө албаган күң кылат.
Куштун алганынан салганы кызык.
Куштун сырын мүнүшкөр билет.
Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт.
Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаппас.
Өтүгүң тар болсо, дүнүйөнүн кеңдигинен не пайда.
Сарт даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт.
Сая албаган ийне тандайт, саптай албаган учук тандайт.
Уста менен дос болсоң, нар кескенин аларсың.
Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет.
Чечендин сөзү алтын, устанын колу алтын.
Эл аралаган – сынчы болот, жыгач араалаган – үйчү болот.
Абийирди жашыңдан сакта.
Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
Адам аласы ичинде, мал аласы тышында.
Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
Атаны сыйлаган – абийир табат, энени сыйлаган – элге жагат.
Ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас. Жакшылыкка жакшылык – ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык – эр кишинин иши.
Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр. Өңдү көрсө жүз таят.
Өсөр – өзүн сыйлайт, өспөс – жатын сыйлайт.
Пейли кенен – калысчыл, пейли тар – арызчыл. Улууну урматтаса кут коноор. ыйманы бар боз бала – күйүп турган чырактай, Ыйманы жок боз бала – жакын да болсо ыраактай. Алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр.
Ар кимдин туулган жери – мисир.
Ат тойгон жерине качат, азамат туулган жерине шашат.
Атты ашууда сына, эрди алааматта сына.
Баатырды көрсөң – кыдыр тут, букара көрсөң – кадыр тут.
Баатыр жоодо мактанат, чечен доодо мактанат.
Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт.
Баатыр туулса – эл ырысы, жамгыр жааса – жер ырысы.
Дос башка карайт, душман аякка карайт.
Досуң миң болсо да – аз, душманың бирөө болсо да – көп.
Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
Каз, өрдөгү болбосо – балыр каптап көл карып, калк кадырын билбесе – кайраттуу туулган эр карып.
Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат.
Өмүр – киндик кан тамган жерден башталат.
Сокурдан кароолчу койсоң – элди жоого алдырат.
Сунган башты суурган кылыч кеспейт.
Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык.
Токой – тоонун көркү, эр – элдин көркү.
Туулган жерге тууңду тик.
Туулган жердин суусу – мүрөк, кызы – чүрөк.
Туулган жердин топурагы – алтын, эли – мазар.
Элиң сыңганы – белиң сынганы. Бакага – балыр көл жакшы, балыкка – терең суу жакшы, жигитке – өскөн эл жакшы.
Жоого барсаң – баарың бар, доого барсаң – бириң бар.
Көл таянычы – жер, көсөм таянычы – эл.
Көп бириксе – көл болот, көл толкуса – сел болот.
Көптүн көзү көрөгөч.
Көпчүлүк бар жерде токчулук бар.
Өз тууганын кордогон – душманына кор болот.
Өзүңдү эр ойлосоң – өзгөнү шер ойло.
Эл менен эрегишпе, эр менен жоолашпа.
Агайын таттуу болсо – ат көп, абысын таттуу болсо – аш көп.
Адашкан казды топтошкон карга алат.
Бүгүн чачылсаң – эртеңден үмүт үзбө.
Дос айрылат, сөөк кайрылат.
Достук – күзгүдөй, сындырсаң эптей албайсың.
Достун каны башка, жаны бир.
Жакшы дос – жан жыргатаар азык, жаман дос – башка тиер казык.
Жакшы көргөн досуңдун атын албай тайын ал.
Жаманда достук жок, жакшыда кастык жок.
Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт.
Жетек жеткирет, чагым өлтүрөт.
Жер тамырынан эл тамыры көп.
Карт адам акылга бай, март адам доско бай.
Кудай сүйгөн куда, пайгамбар сүйгөн дос болот.
Кумурска бириксе – арстанды алат.
Тоо арасын суу бузат, эл арасын чуу бузат.
Эки таш беттешкен жерде – күкүм, эки дос беттешкен жерде – бүтүм.
Айды этек менен калкалай албайсың.
Айың кеп – айылды иритет.
Ар убакта чынчыл бол, калк ишенет кебиңе.
Бычак берсең – кындап бер, кындап берсең – чындап бер.
Жардынын чөнтөгүнө акча кирсе, турна болуп кыйкырат.
Кайгы өмүрдү кесет, калп ырысты кесет.
Калк айтса калп айтпайт.
Төөгө минген боюн жашырбайт.
Узун тил – уудан жаман.
Чындык – күндөн жарык.
Азапты тарткан билет, жүктү арткан билет.
Ашыкпаган араба менен коёнго жетет.
Башыңа тоо түшсө, чымындай көр.
Кишинин жумшагын киши жейт, жыгачтын жумшагын курт жейт.
Көлгө кушуң түшпөсүн, жаманга ишиң түшпөсүн.
Мээнет пилди карып кылат, оору дөөнү карып кылат. Сабырдын түбү – сары алтын.
Тоту куш башын көрүп кубанат, бутун көрүп арданат.
Уялбагандан өзүң уял.
Уят – өлүмдөн катуу.
Чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат.
Чырпыктын ийилгени – сынганы, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү.
Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
Арстан айга чабам деп, белин мерт кылыптыр.
Ат дарбыса эшек кошо дарбыйт.
Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.
Бөрү ачыкпай жортуулга чыкпайт, тойгон бөрү ууга чыкпайт.
Бөрү баласы ит болбойт.
Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
Казга теңелем деп карганын буту сынат.
Кара куш кардын карайт, шумкар чабытын карайт.
Көп жойлогон куу түлкү ачтан өлөт.
Кулаалыдай салпактап миң жыл өмүр сүргөнчө, барчындай асманда чалкып бир жыл өмүр сүр.
Миң карганы бир таш учурат.
Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
Сокур иттен аксак ит соогат сурайт.
Төө чайнаганын билип, жутканын билбейт.
Турнадан бий койсоң, кыйгуу кетпейт башыңдан.
Чабал өрдөк мурда учат.
Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат.
Аары да гүлгө тандап конот.
Ажарлуу аял – адамдын периштеси, акылдуу аял – эркектин шериктеши.
Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун доош тили бар.
Сулуу – сулуу эмес, сүйгөн – сулуу.
Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.
Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.
Адамдын өзү картайса да, сөзү картайбайт.
Жаштыктын кадырын карыганда билет.
Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар.
Жашыл – оңот, жаш – озот.
Жашыңда калжың болсоң, карыганда мылжың болосуң.
Кыз турган үйдө кыл жатпайт.
Адамдын көзү – топуракка өлгөндө тоёт.
Арам тамак аш болбойт.
Ач кадырын ток билбейт, оору кадырын соо билбейт.
Бир кумалак бир карын майды чиритет.
Нысапсызга кашык салсаң, беш ууртайт.
Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт.
Амалын тапкан – ажалдан кутулат.
Балалуу үйдө сыр жок, оорулуу үйдө ыр жок.
Дүйнөгө устун болгон адам жок.
Жоголуп табылган мал олжо, ооруп айыккан жан олжо.
Жоргонун баркын мингенде билерсиң, жакшынын баркын өлгөндө билерсиң.
Кордук өмүрдөн эрдик өлүм жакшы.
Көзүң ооруса – колуңду тый, ичиң ооруса – тамагыңды тый.
Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет.
Тирүүдө сыйы жоктун, өлгөндө ыйы жок.
Эр жигит ашуусу бийик тоодо, агыны катуу сууда, айыгышкан жоодо өлөт.
Эр өлсө да эл өлбөйт.
Алганың жакшы болсо – жакаң агарат, алганың жаман болсо – сакалың агарат.
Алганыңа сүйүнбө, ардагыңа сүйүн.
Ашык болгон адам акын болот.
Аял алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
Аял жакшы – эр жакшы, увазир жакшы – хан жакшы. Аялсыз үй – суусуз тегирмен менен тең.
Бетинен бедер кеткен соң – кымкап да болсо безге тең.
Кадырман болсо зайыбың – карыса да кызга тең.
Жаш кайың желди сүйөт, жаш жүрөк теңди сүйөт.
Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт.
Турмуштун туткасы – аял.
Үй-бүлөнү бузган – чоң шаарды бузганга барабар.
Эки жакшы баш кошсо – тунук суудай, эки жаман баш кошсо – ылай суудай. Эки жакшы баш кошсо – ырыс, бир жаман менен бир жакшы баш кошсо – дурус, эки жаман баш кошсо – күн сайын уруш.
Адамдын мөмөсү – бала.
Адепсиз бала – таманга жабышкан чыла.
БАБАЛАРДАН КАЛГАН КААДА-САЛТ
АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН ИЧ АРА МАМИЛЕСИ
КИНДИК ЭНЕ
Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сыймыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча, киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан.
КЫРГЫЗДАР |
Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу болсун деп ырымдашкан.
Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Батанын касиети баланын киндик каны менен бирге рухуна кирип, батада айтылган баалуу сөздөй узун өмүрлүү, акылдуу, кайрымдуу, боорукер, элдик адам болсун деп тилешкен.
Быссымылда, менин колум эмес, Батма, Зууранын колу.
Улуунун жашын берсин, Жакшынын башын берсин.
Бакайдын өмүрүн берсин,
Эр Агыштын көңүлүн берсин.
Манастай билектүү бол.
Каныкейдей тилектүү бол.
Алмамбеттей улуу бол.
Аруукедей сулуу бол.
Билектүүдөн күчтүү бол. Аталуудан улуу бол.
Акылдуудан кундуу бол.
Энелүүдөн эрке бол, Эл алдында серке бол. Кызыл тилден таңдайлуу бол, Ырыскыдан маңдайлуу бол. Оомийин!
Киндик эне баланы ата-энесине биринчи сүйүнчүлөгөн адам. Деги эле баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таэне, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне булардын эң алгачкысы болуп, ал баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси.
Бала төрөлөр замат киндигин кескенден кийин энесинин чачы менен баланын тандайын сайгылап кустурган, анткени кокус бала чарайнанын суусун жутуп алса, кийин куспай жакшы торолгон. Ошондон кийин гана киндик эне сары май менен оозанткан, анан ага азан чакырып ат (ысым) коюшкан. Баланын атына белгилүү мазмун сыйдырылган. Ал наристенин келечек тагдырына, шайтаншабырдан коргоосуна таасир тийгизет деп эсептешкен. Азан чакыруу:
«Атын коюп берсин» – деп атасы элден сурады.
Кутмандуу элдик карыя Күмүштөй сакал сылады. «Аты Чолпон болсун» – деп, Ай нурун төккөн убагы»…
Бул – жаңы көз жарган наристеге энчилүү ат коюу аземи. Бала ыңаалап көрүнөрү менен карыялардын бирине үй ээси кайрылат. Атайын азан чакырып берүүсүн өтүнөт. Азанчы адегенде даарат алып адалданып, эки колу менен кулак какты кылып, кыбылага карап теребел тегиз укчудай «Алло акбарды» үч кайталап, көтөрүңкү айтат.
Балага ат ыроологондо кыргыздарда жакшы каада болгон. Баланын атын чоң атасы коюусу – ошол элдин салттуулугун сактоо. Андай сыйдын артында «Ушундай алпылдаган абышка болсун, көп жашасын, тукуму өссүн» деген ак тилек, адил ой жатат.
Эне эмизген сүтүн актаар, Атаандашпай малын багаар, Жерин айдап, данын табаар, Алдына дулдул тартаар.
А кыз болсо кырк жылкы: кийиз жасап, үйүн жабаар. Энесинин ишин ачаар, Гүлдөй гүлдөп, сайма саяр. Ким болду экен?
– Уул экен, уул экен, уул экен!
Азан айтып ат коюу айтымдары:
«Азан айтып атын коём, Теңир берген затын коём. Уул болсо жоодон сактаар, Отун алып баксын элди, Аты болду Отунчу, Калкына кошулчу».
БАЛА ООЗАНТУУ
Бул – жарык дүйнөгө ыңаалап келген перзенттин оозуна биринчи ырымдап, энелер карын бузуп, сары май салуу, таттыруу. Оозу ачылып томурулган сары майдан андан аркысы жентекке берилет. Бешик тоюна коюлат.
СҮЙҮНЧҮЛӨӨ
«Колуктусу эркек төрөп агамдын,
Чоң атага билгизүүгө кабарын, Жөнөп калдым, таманымдан чаң чыгып, Эх, буюрса, сүйүнчүсүн аламын».
(Э.Ибраев)
Бул – жарык дүйнөгө келген наристени жакындарына, жакшы санаалаштарына кубаныч менен кабарлоо. Анын эркек же кыз экендигин билгизүү үчүн бала-бакыраны, кээде чоңдорду деле бирөөлөргө чуркатуусу. «Сүйүнчү!» – деп эшиктен кирип, эркек-кызын айтканда эле элибиз эч нерселерин аячу эмес. Көгөндөгү козу-улактардан чечип берген. Эгер балалуу болбой жүрүп балалуу болсо, же эркек балалуу болбой жүрүп эркек балалуу болсо ырымдап, абалы өз боюндагы топчусун үзүп-кесип, бет аарчысын сүйүнчүгө карматкан. Кийин сүйүнчүлөгөн адамды өзүнчө ыраазы кылган. Элибиздеги кенен-кесир жайылган бул салттуу улуу «Манастан» көрөбүз. Манас төрөлгөндө Жакып хан куржун толо карк алтынды атайын артынып, талаага кетет. Аны сүйүнчүгө барган Акбалтага карматат.
КӨРҮНДҮК
Бул – жарык дүйнөгө жаңы келген наристени уккандан барып көрүүсү, мурдунан чымчып, бетинен өбүү үчүн көрүндүк берүүсү. Аны доолаган адамга акча-тыйын, буюм-тайым, кийим-кечек сунуусу. Үмүттүү кишилерден тамаша иретинде көрүндүктү арбын доолашып алуу жөрөлгөлөрү да бар. Мындайда сүйүнчүдөн жакшы санаалаштары шар кетип, арбын көрүндүк карматып, баланын ата-энесинин зоболосун көтөргөн. Көрүндүккө мал да, башка баалуу нерселерди да берет.
ЖЕНТЕК
«Жети карын май бузуп, Жентек берди айылга».
(Эл ыры)
Бул – наристе төрөлөрү менен кошуна-колоңдорго жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу. Болгон тамак-ашын ортого коюп, «кел бери» болуп туруусу. Жентекке сары май томурулат. Боорсок төгүлөт. Токоч сындырылат. Эт тартылат. Татымал коюлат. Суусундук болот. Мурун сары май бузулуп, алды наристеге оозантылып, үйдүн карысына ооз тийгизилип, нарктуулукту билгизген. Жентек үчүн атайын мурунтан козу карын, кой карын, торпок карын сары май бузулган. Аны бала көз жарууга карата сактаган. Анын уландысы бешик тойго коюлган.
ЖЕНТЕКТӨӨ
Бул – жаш наристенин жарык дүйнөгө келишин урматтоо. Ага атайын назар таштоо. Кийим-кечек, акча-тыйын, буюм-кече менен баруусу, мал-сал жетелеп, тамак-аш бышырып келүүсү, баланын ата-энесине сүйүнүч туудуруусу. Муну элибиз жеринен жогору баалаган. Жакындары балага тай-торпок, кой-козу ыроолошот. Туш кийиз, шырдак, ат жабдык өңдүү салттуу жана адеми буюмдар да жентектөөгө түшөт. Жентектеп барган жери да жекече сыйын аябайт. «Сыйга сый, сыр аякка бал». Ошого тете тосуп, талаптагыдай кылып узатышат. Ага-туугандардын, куда-сөөктөрдүн, кайын журттардын, жакшы санаалаштардын мындай абалтан асыл салттарын табынан тайдырбай улап кетүү ыйык парз.
БЕШИК ТОЙ – БАЛАНЫ БЕШИККЕ БӨЛӨӨ
«Термеле бер, термеле бер, Биз бөлөнгөн арча бешик».
(Б.Абакиров)
Наристенин төрөлүшү – ошол үйдүн кучакка батпас кубанычы! Бешик той каадалуу той катары берилет. Колунда барлары мал союшат. «Илгери анын бешик тоюна ак кочкор союлган» деген сөз бар. Тай соёт. Чакырылгандар бирдемелерин ыроолоп алпарат. Ага көйнөк-кече, ороо- чулгоо, акча-тыйын кирет. Адатта, таяке-тайындары бешигин, шимегин жасатып, анын төшөнчү-орунчусун жасалгалап барышат. Той желет. Бешиктин күлтүгү, эки олпогу, төрт жаздыгы, чарчы ороосу, кыпчыгы. Набаттуу байбичелер дасторкондон кийин, оң-сол чүкөлөрдү бешиктин баш жагына көтөрүп эңкейтип, «бар бол», «оң бол» дегенде, ал чүкөлөр күлтүгүнө түшүп кетет. (Ага дейре бешик менен шимекти майлап, арча аркылуу «аластап» алат). Ага колдорун тийгизип, ич ара ырымдашкан байбиченин эки тарабында отурушуп, наристени жаткырышат. «Бешик апа. Бек карма, Умай эне уйку бер» – деп, баланы таңат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп, жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып, төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкашат. Баталарын беришет. «Алдей, алдей ак бөбөк, ак бешикке жат бөбөк…».. Эми бешик терметилет.
Бешикке салуу аземи бала төрөлгөндөн кырк күндөн кийин башталат. Наристенин карын чачы так ошондо алынат. Кырк кашык сууга кара тузду татытып, ага киринткенде баланын эти бышык, ырбаак болбойт.
НАРИСТЕНИН КЫРКЫН ЧЫГАРУУ
Бул – көз жарган балага карата болгон ырым-жырым. Наристе төрөлүп, туптуура кырк күнгө толгондо айылдагы байбичелерди чакырат. Баланын энеси колунда бар дасторконун жайып, тамак-ашын коюп, наристени сууга киринтишет. Чачын алат. Кырк кашык сууну куюп, ага туз кошуп, баланын денесин чайкашат. Бул баланын денесинин чың болушуна өбөлгө түзөт. Баланын алынган карын чачы жан баспай турган, жашыруун жайга коюлат. Байбичелер дасторконго бата тилешет. Ал бата өмүрүн узун, биздей улуу жашты жашасын өңдүү мазмунда берилет. Мына ошол учурда баланын тырмагы да алынат.
БЕШИК ТЕРМЕТҮҮ
Адатта, бош турган бешикти терметүүгө болбойт. Наристе – Ата Мекендин болочок ээси. Бешикке бөбөк жөн эле уктатуу үчүн бөлөнбөйт. Ошого карата назик терметүү аркылуу ар түрдүү жакшы ойлор, тилектер айтыла берет. Ал – «Бешик ыры» деп аталат, мисалы:
Алдей-алдей, бөбөгүм, Алдей-алдей, бөбөгүм!
Элин багып сыйлаган, Эл менен бирге жыргаган, Эмгекчил болгун, бөбөгүм! Алдей-алдей, бөбөгүм, Алдей-алдей, бөбөгүм!
Калкын багып сыйлаган,
Калк менен бирге жыргаган, Камкор болгун, бөбөгүм!
* * *
Алдей-алдей, бөбөгүм, Алдей-алдей, бөбөгүм!
Корооң толгон койлуу бол,
Өрүшүң толгон малдуу бол!
Кампаң толгон дандуу бол! Алдей-алдей, бөбөгүм, Алдей-алдей, бөбөгүм!
Бабаң айкөл Манастай, Баатыр болгун, эр болгун,
Кабылан болгун, шер болгун!
БЕШИККЕ БАЙЛАНЫШКАН ТЫЮУЛАР
Бешикти куру терметсе балалуу болбой калат деп, бош бешикти бала-чакага терметтирбейт. Бешикти бут менен тээп жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт. Ошондон улам баланы бөлөөрдө бөбөктүн өзү да бешиктин үстүнөн алып бербеген. Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт. Экөөлөп бешикти терметкенге да уруксат берилбейт. Бешикке өбөктөбөйт, бала бөлөгөн бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагынан алып чыгарат. Бешик сатып алып жатып соодалашпайт, сураган акчасын берет. Сатуучу да баасын ашырбай, өз наркын айтуусу керек.
«Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» – деп наристенин келечегине үмүт артышкан. Бешикти таза тутуп, кир болсо албарсты уялап алат дешкен. Кээде бешикти күнгө жайганы сыртка алып чыккан болсо да, караңгыга калтырбаган, айрыкча жылдыз көрсөтпөгөн.
ТУШОО КЕСҮҮ
Бул – бала бир жашка чыкканда, башкача айтканда, жыл маалына төп келгенде өткөрүлө турган салттуу жөрөлгө. Ата-эне мал союп, айыл-апага той берет. Ага карата жайында кымызды көрөңгүлөтөт, кышында бозо кордолот. Тойго келгендер ичип-жегенден соң тойго катышуучулар балага ак баталарын беришет.
Тойдогулар жапырт эшикке чыгышат. Тушоо кесүү аземи башталат. Там-туң баскан баланын эки бутуна кара-актан эшилген жипти каршы-терши казыкбош чал байлашат. Топтолгон балдар бута атым аралыктан чуркоого коё берилет.
Алар жарышып келишет. Озгон бала колдогу бычакты алып, баланын бутундагы ала жипти чарт кесет да, башкы байгени алат. Мында да кадимкидей баш байге (биринчи байге), экинчи байге (бирдин арты), үчүнчү байге (экинин арты) коюлуп, бир тобуна байге берилет. Байгеге тай, торпок, кой, козу, улак, акча жана башкалар ылайыкташтырыла тартылат.
Тушоо кесилгенден кийин баланы эки колунан: «Тай, тай, тай» – деп тайтайлашат. Мына ушундан кийин чалынбай-жыгылбай, зор ишенимде баланын шар басып кетүүсү башталат.
Ошол үйдүн шартына байланыштуу эркек балдар өзүнчө, кыз балдар өзүнчө, улан-жигиттери өзүнчө, кызкелиндери өзүнчө, улгайгандар менен зайыптар өзүнчө чуркашып, тойдун аземин шаңдандырып, мартабалуу кылып жиберишет. Кой союлат, тай союлат. Ырым кармап, тушоо кесүүнүн салтына байланыштуу «тушоосу ошондо кесилген» (анын ишинин оңоло башташы), ««тушоосун ошо кескен» (көтөрмөлөп жүргөн адам), «тушоосу кесилбей калган» (ишинин учурунда ондой-берди болбой калышы) өңдүү өтмө маанидеги түшүнүктөр айтылат.
Бул ырымдын башатында ар бир аракеттин, нерсенин ээси бар, ошол жөнгө салып турат. Демек, там-туң баскан баланын дал ээси болушу ыктымал деген көз караш, түшүнүк жатат жана буга байланыштуу баланын тушоосун кесүү ырымы пайда болгон.
ЧАЧ АЛДЫРУУ, КУЛАК КӨЗӨТҮҮ, ЧАЧ ӨРДҮРҮҮ
Чач алдыруу – көбүнчө эркек бөбөктөргө байланыштуу ырым-жырым. Аны жасатуу – ата-эненин демилгеси. Бул – ылым санашкан же ниети чапкан адамына кийим-кечек, буюм-тайым алып, тамак-аш куржуну менен келип түшүү. Келүү максатын түшүндүрүүсү. Түшкөн үй ал коногун күтүнөт. Баланын «чачын алды» кылып, кайчы, устара аркылуу ырымдайт. Негизи кыргызда ага бодо мал энчилеген.
Кыз баланын кулагын көзөтүү менен чачын өрдүрүү ырым- жырымы жогорудагы салттан анча айырмаланбайт.
Ошондой жол-жоболор менен эле келип түшөт. Кулакты ургаачы көзөйт да, ага жибек жип өткөзөт. (Ырбап кетпесин үчүн ага иттин жүнүн чыйратып өткөрүүчү.) Төрт-беш жаштагы кыздардын кичине өрүүгө жарайын деген чачын «чымчып коёт», «өрдүрүү» кылып мойнуна шуру, чачына көк мончок тагып берет да, колунда барын энчилейт. Мындай салттар элибиздин адамгерчилигин, мартабалуу сыйын, өз ара биримдигин билдирген.
СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУ
Бул – бөбөктү (3–5 жаштын ортосундагы уулду) мусулманчылыктын жышаанында ырымдатуу (чочогун кесүү). Адегенде ага той берилет. Аны ар ким абалына жараша жасайт. Сүннөт той – чоң той. Ал «баланы отургузуу тою» деп айтылат.
Сүннөткө отуруучу баланын колуна кашка жиликтин устуканын карматып, кээлери токоч берген. Бул токчулуктун белгиси делген. Баланын колу жоолук менен таңылган. Чоң атасыбы, же чоң энесиби, айтор, бирөөлөрү баланы алдына алып отурган. Ушул иштин чебери атайын колу жеңилдерден болгон. Ал баланын чочогун учкайыраак кын чий менен «жанын өлтүрө» кыпчып туруп, белгилүү өлчөмүнөн «чырт» эткизип кесип койгон. Ырбап кетпеси үчүн илгери тезек-көңдүн күлү сыйпалган. Баланы жылуу жайга кармашкан.
Кыргызда баланы отургузуу ырымы азыр «сүннөт», «сүннөткө отургузуу», «колун адалдатуу», «колун адалдоо» деп аталат.
Мусулманчылыкта баланы жети жашка чейин отургузуу белгиленген. Адатта бул иш 1–3–5–7 жашта ишке ашырылган. Жаш баланы 2–4–6–8 жашында отургузбайт. Жуп жашында отургузган бала сезгенип калат. Тукум болбой калышы да мүмкүн.
Отургузуу үчүн чоң даярдык көрүлөт. Отургузууну айыл ичинде колунун усулу бар (жулукчу) уста, чач тарач гана жасаган. Бул учурда сүннөткө отургузулуп жаткан баланын үстүнө аял киргизилбейт. Атасы же айыл карысы кирип жаш баланын бутун кармап берген. Кескен учурда балага нан тиштетип, эки колун муздак сууга салдырып коёт. Кесилген жерге курмушу баскан. Кийиздин күйгөн көөсүндө кан тез токтогон.
Ушул күндөн баштап сүннөткө отургузулган уул наристеликтен балалык баскычка өткөн. Бир аптада бала түзөлүп, кадимкидей басып кеткен.
Мусулманчылыкта баланы өз учурунда сүннөткө отургузуу – атанын ыйык милдети. Сүннөткө отургузуу зарыл түрдө керек.
АК КИЙИЗГЕ КӨТӨРҮҮ
Бул – балага ак бата алуунун бир түрү. Тактап айтканда, «балага бата берели деп, ал үйдүн баркын көтөрүп, зоболосун чыгарып, баласын ак кийизге салып көтөрүү аркылуу мейман болуусу. Кой-козу сойдуруп жеш аземи. Улуу «Манаста» Манасты кичинекей чагында ак кийизге көтөрүүсү, Жакып ханды урматтоо вазийпасы жакшы сүрөттөлгөн. Ошондон бери салтка айланган. Мында атаэне атайын тамак ичип, куштар санаалаштарынан эчтеке аябаган. Жарпы жазылып, жарык маанайда коноктоп коё алышкан.
МҮЧӨЛҮҮ БОЛУУ (МҮЧӨ ТОЮ)
Бул – баланын балагатка жетүүдөгү алгачкы белгилүү учуру. Адатта, бала он үч жашка чыкканда бир мүчөлүү болот. Айрымдар ага арнап той берет. Өзүнө да, малына да, дүнүйөсүн да Кудай алдында садага-секет берип, мал союп, кан чыгарып, кошуна-колоңдорго таратып, бата алып туруу парзы бар.
Ал күнү байбичелер мүчөлүүнүн жаткан жайын, жууркан- төшөгүн, бөлмөсүн жыт чыгарып, арча аркылуу аластап коюучу. Жети түрдөгү даамдан (суу, туз, дан, эт, май, мурч, жашылча) турган тамак-аш жасап, тегерек-четин чакырып ооз тийгизген жана батасын алган. Көпчүлүк жерлерге ботко (көжө) кайнатылып, куйрук май, бөйрөк май катыктап койгон. Мүчөлүүгө, айрыкча кыздарга кызыл көйнөк тигип да беришкен. Эски кийимдерин өрттөп коюшкан. Айтор, муну маараке катары түшүнүшкөн.
КЫРГЫЗДАРДЫН ТУКУМСУЗДУККА КАРШЫ ЫРЫМДАРЫ
Келиндин түшкөн жеринде орун-очок алып, өз ордун таап отуруп калуусунун негизги шарты – бала-чакалуу болуусу саналат. Анын боюна бүтүүсүн кайын журту да, төркүндөрү да чыдамсыздык менен күтүшкөн.
ЫМЫРКАЙ АРА ТӨРӨЛҮП КАЛГАНДА
Кээде келиндин боюна бүткөнү менен, маалына жетпей ара төрөп койгон учуру да болгон. Ара төрөп коюу бир нече жолу кайталанса, өнөкөткө айланып кетти деп аябай тынчсызданышкан. Бул төрөбөстүк менен барабар кырсык катары бааланган. Катары менен боюнан түшкөн келинди ырымдатып көп күчүк тууган канчыктын үстүнөн үч жолу ары-бери аттатышкан.
Анткени кыргыздар өздөрү баккан уй, кой, жылкы сыяктуу малдын бала салып койгонун көп эле ирет байкаган менен, иттин анткенин дээрлик көргөн эмес.
Айрым жылдары алмалар күзүндө экинчи ирет гүлдөп, кеч күзгө дейре ал тургай мөмө байлап да калат. Элде аны «алма кенжеледи» деп, түйүлгөн мөмөнү кенже алма дешет. Ара төрөгөн келинге ошондой мөмөнү да жедиришкен.
Ара төрөлгөнү менен бала жашап кете алышы мүмкүн. Кыргыздар так айда төрөлгөн бала жашап кете алат деп ишенишет. Бөбөк өзү да так айда – тогуз айда мезгил жетип туулат. Беш айлык, жети айлык ымыркай торолуп кете алат. Алты жана сегиз айда төрөлгөндөр адам болбойт деп коюшат. Элде ара төрөлгөн баланы калпакка салып баккан ырым бар. Илгери боз үйдө жашагандыктан, ал калпакты жылдырып турушчу экен.
Дагы бир ырым – катырма нан жасап, ортосун сындырып жеп, пайда болгон оюктан баланы өткөрүп коёт. Мунун: «Бул дүйнөгө атайын келген соң, оюктай жерде болсо да жашап өтсүн» деген мааниси болгон. Ара туулган баланын денесине тегирмендин тозун алып келип шыбайт, андан бала эт алып, тез оңолот экен. Бирок ара төрөлгөн балдар көп жашап, алардан кыйын адамдар (акылман, баатыр, чечен ж.б.) көп чыгат деген ишеним бар.
ҮЙ-БҮЛӨДӨ БАЛА ТОКТОБОГОН УЧУРЛАРДА
Мөөнөтүнө жетип эле туулган бөбөк узак турбай, чарчап калган (элибизде жаш баланы өлдү деп айтпайт, «чарчады», «учуп кетти» деп коёт) учурлар да кездешет. Бул, албетте, кайгылуу көрүнүш. Андай убактарда кыргыздар ички сезимдерин элге жарыя кыла беришпейт, сабырдуулук кылып: «Кудай өзү берип, өзү алды» – деп коюшат. Келгендер ата-энесине: «Жаш бала периштеге айланып учуп кетиптир да, чоңоюп көзгө көрүнүп калгандан кийин эмес, ушундайында эле кеткени да ырас, мейли, Кудай берерин унутпасын» – деп көңүл айтышат.
Үй-бүлөнүн жакын адамдары гана наристени бейитке алып барып жашырышат. Балдардын мүрзөсү чоңдордукунан айырмалуу болот, анда казанак оюлбайт. Көрдүн капталын гана казып, сөөккө ылайык жай даярдайт, элде аны «жарма» деп атайт. Бөбөккө ат коюп көмүү шарт, андайда: «Жарык дүйнөгө келип, эч нерсени көргөн жок, кур дегенде аты бар кетсин» – деп уккулуктуу, жагымдуу, даражалуу ысымдарды энчилешкен.
Үй-бүлөдө балдар токтобогон учурларда баланын өмүрүн сактап калуу үчүн бир катар чараларды көрүшкөн. Алардын ичинен жаңыдан төрөлгөн баланы чоочун аялга эмизүүгө берүү ырымы өзгөчө ордун ээлеген. Бул балдары чарчай берген аялдын сүтү уу (заар) болот деген ишенимден келип чыккан. Андыктан төрөлгөн бөбөктү эмизүүгө энесине бербей, башка аялга эмизишкен. (Сүтү заар деген келин: «Бул дартым башкага өтүп кетсин» – деп, бирөөнүн баласын билгизбей эмизип да койгон). Белгилүү убакыт өткөндөн кийин баланы кайра алышып, бул «сатып алуу» катары ырымдалган. Кээде бөбөктү чоочун үй-бүлөгө үч, жети же кырк күнгө беришип, айрым учурларда, атүгүл энесине көрсөтүшкөн эмес.
Баланы «сатып алууда» аны эмизген аялга акы катары баланын эркек же кыз экенине жараша тогуз буюм беришкен. Андай балага адатта Тогузак же Сатылган, Сатыбалды, Саткын деген аттар коюлган. Баланы негизинен туугандарына же көп балалуу болуп, баарын тең аман-эсен чоңойткон адамдарга беришкен. Жакын туугандары, ал тургай өздөрү келишип (башка айылдан болсо да), ымыркайды төрөлөр менен ала качып кетишкен. Алып кеткенге чейин баланын үстүнө кара казанды көмкөрүп койгон.
Анан туугандары келип, баланы койнуна катып, эч кимге көрсөтпөй алып кетишкен. Үч күндөн кийин энеси баккан адамдын үйүнө барып, уулунун өңүн өзүнүн көзү тийип кетпесин үчүн элек аркылуу көрүп, акысын төлөп, кайра сатып алган.
Балдары удаа-удаа чарчап токтобогондо, күйөөсү аялы экөө тең жаман, эски кийим кийип, эл аралап кайыр сураса, балдары туруп калат деген ишеним бар.
Дагы бир ырымы – балдары чарчай берген эне төрөгөн соң жети үйдөн эч сөз айтпай туруп ун сурап келип, андан май токоч бышырып берген. Ун сураган аял көрүнбөй, далдоодо туруп сурайт, идиши гана көрүнгөн. Ага ун бергендер да суратпай, өздөрү билип берүүгө тийиш болгон. Балдары токтосун үчүн энеси айылдагы үйлөрдү кыдырып, ар кимден кыйкым сурап келип, аларды кураштырып көйнөк тигип кийгизген. Кийин баласы чоңоюп, жети жашка чыкканга чейин деле кийим алып бербей, көп балалуу үй-бүлөнүн балдарынын эски кийимдерин уулуна сурап алып берип, атын өзгөртүп чакырган.
ЖАН-ЖАНЫБАРЛАР АРКЫЛУУ ЫРЫМДОО
Өткөн мезгилдерде баланын өмүрүнүн коопсуздугу, сакталышы үчүн айрым жаныбарлардын сактоочу күчүнө карата болгон ишеним элде күчтүү болгон. Балдары турбаган аялды эшектин терисинин үстүнө төрөтөт деген маалымат кызыгууну туудурат. Бул ырымдын эки себеби болушу керек. Биринчиси – эшектин чыдамкайлык, эч кандай ооруга чалдыкпагандыгы сыяктуу сапаттары менен байланыштуу. Башкача айтканда, баланын жаны да ошондой бекем болсун деген ниетте жасалат. Экинчиси – эшек арам жаныбар деп саналгандыктан, анын терисине түшүп булганган бөбөктөн ажал иренжисин деп аткарылат. Ошондой эле иттин да адамды ар кандай жамандыктан коргоочу касиетке ээ деп ишенгендиктен, анын жүнү менен тиштерин тумар катары, айрыкча балдар үчүн пайдаланышкан.
Балдары турбай, чарчай берген ата-энелер жаңы төрөлгөн баласынын кулагын көзөп, иттин жүнүнөн өткөрүп коюшкан. Сары иттин жүнү өзгөчө күчкө ээ делген. Иттин тиштерин да бөбөктүн кийим-кечесине тигип коюшкан. Ымыркайга биринчи жолу кийгизерден мурун (эгерде ага чейин төрөлгөндөр чарчап калышса) алгач иттин башына салып кийгизишкен. Бул көйнөк ит көйнөк деп аталган. Узак жашап, көптөгөн небере-чөбүрө көргөн байбиче өлүм алдында ошондой ит көйнөктү көкүрөгүнө коюп жатып үзүлсө, аркы дүйнөдө сурак бербейт деген ишеним бар. Балдары токтобогон аялдар төрөр менен ууз сүтүн күчүккө эмизип, бала менен күчүк эмчектеш болуп калган.
ТОЙ-АШ БЕРҮҮ САЛТЫ
Той бул – ак-тилектер үчүн көпчүлүккө берилген сый тамагы. Той ээсинин элден бата алуусу, «бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» болуусу. Чоң тойлор айлап кетүүчү. Аш-той эгиз айтылат. Экөөндө тең милдеттүү коноктор алынат. Чара табактар тартылып, улуттук оюндар түгөл болот. Ат чабышат, көк бөрү артылат, ордо оюну ойнолуп, жамбы атышат жана балбандар күрөшөт. Эрлер эңишет жана оюн-тамашалар бүт өткөрүлөт. Тойдун «үйлөнүү тою» (кыз узатуу, келин тою), «бешик тою», «сүннөткө отургузуу тою» (чоң той) ж.б. жылдыктарды белгилеген маараке түрлөрү бар.
АШ
Аш – ата-бабадан бери маркумдун арбагына сыйынып, ага багыштап тамак берүү салты. Өлүктү коюу, арбакты сыйлоо жана эскерүү зыйнаты. Бул арбактардын тиякта тирүүлөрдү колдоп жүрүүсү сымал ишенимге барып такалат. Демек, аш – анын урматы.
Аштын түрлөрү:
Кара аш – өлүктү коёрдогу союлган малдар жана дасторкон үстү кирет. Буга карата «Өлүк бардын байлыгын чачат, жоктун этегин ачат» деген макал бар.
Кырк аш – кырк күндөн кийинки союлган мал, жайылган дасторкон. Туура, ошол кырк күнгө жеткирбей деле, акыркы жумага тогоп берилип да калат. Мында бейшембиде арбакка арнап мал мууздалат, жума күнү тартылат, куран окулат. Албетте, аш берүү ар адамдын чама-чаркын карайт. «Кырк ашы» дебей, «маркумдун кыркы» деп, эптеп мал мууздап деле коёт. Кара ашта кырк ашы качан берилээри кеңешке алынат.
АШ-ТОЙЛОРДОГУ МИЛДЕТТҮҮ КОНОК
Бул – атактуулардын аш-тойлорунда атайын алынуучу чоң конок. Эгер милдеттүү конок жайсыз, ойдогудай жатып-турбаса, аттары талаптагыдай тейленбесе, кыскасы, таарынып аттанса, албетте, ал даражалуу адамдардан болсо, анда үй ээси уят болот жана айып тартат. Аркасында сөз ээрчип калат. «Баланчанын ашындагыдай» деген лакапка айланат. Милдеттүү конокту кынтык таппагандай тейлөөгө конок күтүүчүлөр тарабынан аракет зор болгон. Кыргыздарда аш берүүнүн үч түрү бар:
Биринчи чоң аш – жамы журтту бүлүнтүп, жан башына чыгым салат. Ал адамдын атак-даңкын дүңгүрөтүп берүү. Эми куда-сөөктөрү, жакын санаалаштары, дос-тамырлары желесин агытып, ошол жерден кымыз ачытып берет. Союштарын айдап, боз үйлөрүн тигет. Тактап айтканда, эли тосот, башкалары куруп кол эмес, элинен чыгым чогултуп, ашка кошумчалары менен билермандары келишет. Анда улуттук оюн, таң-тамашалары өткөрүлөт. Ашка чакырылгандар күлүктөрү, балбандары, найзакерлери, ырчы-чоорчулары жана башкалары менен келип түшүшөт. Көп үйлөр тигилип, милдеттүү конок алынат. Аш бир нече күнгө созулат. Улуттук тамашалар үчүн байгелери чоң сайылат.
Экинчи аш – мында да боз үйлөр тигилип, мал көп союлат. Алыс-жакындан ашка келүүчүлөр арбын болот.
Аш үчүн атайын салык салынбайт, улуттук таң-тамашалары да болбойт. Ырчылар элди иреттөө үчүн жар чакырып турбайт. Эл этке жык тоёт, кайра-кайра табак тартылат. Тынчтыкта аттанып кетишет. Бул Май аш деп аталат.
Үчүнчү аш – боз үйлөр тигилет же тигилбейт, шартка жараша союлат. Чакырылган эл ашка келет. Табактын тартылышы анда кеп-сөзгө алынбайт. «Кур койбой куран окутту» болот. Буга азыркы берилип жаткан аштар күбө болот.
УЧА ТАРТУУ
Бул – аш-тойлордо айыл карыяларынын жана куда- сөөктөрдүн, урматтуу меймандардын алдына тартыла турган салттуу сый устуканы. Бодо устукандарынын эң улуусу. Уча – жылкынын жаясынын ортосундагы чычаң омурткасынын түбү.
Ал өзүнчө этият чыгарылат да, бышырууда казандын түбүнө салынат. Уча эки эт бышым кайнатылат. Аны бишкектеп бышырууга болбойт. Анда анын чыктуулугу кетип, купкургак көрүнүп калат. Уча өзүнчө табакка салынып тартылат. Эки табак элдин ортосуна да, өзүнчө бир табактап да тартууга болот. Эң улуу карыя учанын четинен кесип, ооз тиет. Тегерек-четтериндегилерге бөлүнүп берилет. Алар учанын этин жапырт жешет, ооз тийишет. Учанын устуканы устукан тартканга берилет. Аны байланып кетүүлөр да бар, же уча тартылган табакка жолдугун жасоочулар да чыгат. Уча айрым аймактарда, мисалы, Нарында, Көлдө жана башка жерлерде жөрөлгөлүү салт катары сакталып келүүдө.
КАРАСЫН АЛУУ
Бул – ашы-жытын берип бүткөн соң жесирдин үстүндөгү кийген кийимдерин алуусу. Мусулманчылыкта жесирди боштондукка чыгаруу. Эркин басып-туруусуна жол ачуу. Карасын, адаттагыдай, кара кийимин төркүн-төстөрү чечтирет. Анын ордуна мурунтан кийип жүргөндөй кийимдерди жабат. Негизи башына ак жоолук салат. Кара эмес, башка түстө чепкен, чапан (пальто) жабат. Көйнөк кийгизет да, колун-жолун бош кылат…
Илгери кара кийген өлгөн эрин элестеткен кебете жасап, ага анын чепкенин жаап, баш кийимин үстүнө коюп, кошогунун сыртынан кошок кошуп отуруусун «тул болуп отуруу» деп атаган.
БАШЫН АЧУУ
Бул – эрди-аялдын никесин ажыратуу, эриш-аркак жашоолорун бөлүү. Илгери бул бийлер аркылуу жүзөгө ашуучу. Тактап айтканда, аялы менен ажырашуу үчүн атайын бийге кайрылуучу. Ал иштин чоо-жайын, аныктөгүнүн тактап, жедеп ынтымак-ырысы качып калгандардын гана башын ачуучу… Балалуу аялды ажыраштыруу өтө кыйын болгон. Башын ачкандыгы үчүн да алдыртан бирдеме берүүчүлөр бар эле. «Үч талак» айтуу аркылуу (түштүк кыргыздарда) ажырашуулар бар.
КАРА ЖАБУУ
Эри өлгөн аялды кара кийинтип, аза күттүрүү. Башына кара жоолук салуу, аны элечек өңдөнтүп ээгин буу, өрүлгөн чачын жайып жиберүү, бүткүл кийим-кечектеринин карадан болушу. Муну ашына чейин үстүнөн түшүрбөй отуруусу. (Илгери атактуулардын эри өлгөндө кара кийгизип, алдына аркан жана башка катуу бирдемелерди төшөп койгон. Бул – такай кыймылсыз отурганда семирип кетпеши үчүн кылган далалат эле. Демек, антип эри өлгөндө майболпоч тартуусу – эрине күйбөөсү. Элинин, ошол бир атанын, уруктун намысына тийүүсү. Аза күткөн аял эринин ашына дейре чыпалактай болуп калуусу абзел эле. Бул күйгөндүктүн, аза күтүүнүн белгиси, далили катары).
БАЙГЕ КОЮУ (БАЙГЕ САЮУ)
Бул – аш-тойлордо өткөрүлүүчү таң-тамашаларда жеңүүчүлөргө ыйгарылуучу байлык. Кыргыздар мындай шаан- шөкөттөрдү абдан даңазалуу кылган. Андайда төрт дубан элге алда мурунтан берилип, ал аш-тойго, оюнга даярдык менен келген. Демек, ар тараптан балбандарын таптап, эр сайышка түшүүчүлөрүн, ордо атуучуларын, көк бөрү (улак) тартуучуларын, чоорчуларын, ырчыларын – жар чакыруучуларын жана башкаларын түгөл камдаган. Чоор, сурнай тарттырып, кернейчилерин үйлөтүп, добулбасын урдуруп, кайсы тараптан келатканы белгилүү болуп, ашка-тойго барып түшкөн. Даңазалуулар аш-тойлордогу оюн-зоокторго сайган, койгон байгелери менен кадыр-баркы артылган. «Төө баштаган бир тогуз» байге биздин күнгө чейин жеткен.
ДАЕК КАРМАТУУ
Бул – оюн-тамашаларда коюлган байгелерди калыс адамдардын колуна өткөрүп берүүсү. Алардын байгелерди уткандарга төп бөлүштүрүүлөрү. Апбетте, илгери байгелерге бөлүнгөн, даекке карматылган, эсепке түшкөн малдар жайылып не көгөндөлүп, мамыга байланып, жамбы, аң терилери, буюм-тайымдар илинип, дилде, акча көкүрөк каттоодон өтүп турган. Демек, даек – байгеге берилүүчү мал-мүлктөр. Даекчи – ошолорду өткөрүп алып, жеңүүчүлөргө үлөштүрүүчү калыс адам. Даекти бөлгөн чакта даекчилерди биринчи ыраазы кылышкан.
СООГАТ
Бул – кыргыздын элдик той-тамашаларында мөрөй алгандардын (утушка ээ болгондордун) олжолорунан сурап алуу, ага тең орток болуу. Маселен, аш-тойлордо ат чабыш, көк бөрү тартып, ордо атыш, балбан күрөш, эр сайыш, эр эңиш ж.б. дубанды бузган оюндар өткөрүлүп, алардын байгелери өтө чоң коюлуучу. «Төө баштаган бир тогуз», короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, котологон топоз, ондогон, жүздөгөн аң терилери, уютулган алтынкүмүш жамбылар ж.б. кийин акча байге коюлчу. Жеңген тарап, олжого тунган тарап, байгесин алары менен көпчүлүк алардан соогат сураган. «Ат байгесинен келсин» – дешкен. Ошондо адамдарга, айыл аксакалдарына соогат суратпай, алар өзүлөрү эле билип-туюп, мерчемдүү олжону сый-урмат катары жетелеткен.
АТ ЧАБЫШ
Ар кандай кубанычтуу учурларды белгилөөнүн мерчемдүү түрү. Мелдеш тарапкерлердин өтүнүчтөрү боюнча да болгон. Ат чабыштын «Аламан байге», «Чоң байге», «Кара байге» «Манастан» баштап белгилүү өлчөмдө өткөрүлүп келүүдө. «Көр байге» («мүрзө» байге) ж.б. түрлөрү бар. Күлүктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө чек кылбай, ар бир саяпкер өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карабай байгеге кошулууга дилгир болот. Мындай шартта аттар орточо аралыкка чабылат.
Чоң байгеде (бул коно жатып түнөтүп чабылуучу байге) аттар түпкө түнөп барып, эртеси коё берилет.
Кара жарыш – бул аттардын аягын сыноо. Чоң чабышка кошууга болобу, же болбой тургандыгын аныктоо. Таптоосун билүү. «Уят болуп калбайын» дегендей мамиле кылуу.
Көр байге – маркумду коюп келген соң, кара ашы берилип, куран окулуп, бата кылынып, эл тараарда маркумдун урматына карата чабыш. Тактап айтканда, күлүктөрдүн дүбүртүн маркумдун сезүүсү, тирүүлөрдүн ызааттоолору, узун сөздүн кыскасы, кара ашындагы чабыш. Байгеге – маркумдун өздүк буюмдары, дүнүйөсү сайылат.
Мүрзө байге – маркумдун кырк ашына карата да чабылат. Бул кемегесин казганда, тактап айтканда, аш көтөрүүчү жай белгиленгенде чабылат.
ҮЙЛӨНҮҮ ҮЛПӨТҮ,
ЖУУЧУ ТҮШҮҮ КААДАСЫ
Кудалашуунун шарттары ар кандай кырдаалдарга туш болот. Кыргыздар муну өтө каадалуу салттардын катарында карашат.
Түшүнүктүү, социалдык шарттар менен кудалар бири-бири менен калың бычышат. Конок камы күтүнүп, сый тамак берилет. Дасторкон үстүндө сөздөр бышырылат. Жайдары жүздө тамак ичилери менен жуучуларга, адатта, чепкен жабышат. Башка белектер берилет. Ошондо эки тарап алакан жайышат. Кызга атасы бата берет. Демек, жуучулар өз максаттарына жетти дегендик болот. Үйлөнүү тою качан, кайсы конушта болот өңдүү камылгалуу кептердин уландысы жүрөт. «Жакшыга жуучу барат, жаманга куучу барат» – деп айтабыз. Айыл ичи эртели-кеч кабардар, «баланчанын уулу баланчанын кызына үйлөнөт экен, жуучулар барып келди», «Түкүнчө кызынын калыңын күн мурунтан алып коюптур», «Кызын баланчанын кайсар уулуна бергени жатыптыр» сыяктуу кептер угулат. Көпчүлүк аймактарда эки тараптын кеп-кеңеши коюлары менен баланын ата-энеси кызды «келинибиз», кыздын ата-энеси баланы «күйөө балабыз» деп ичтен атай башташат.
Мунун ар кандай жагдайы бар. Баланчанын уулу кыз тандап жүрүп, ошол кызды жактырып калса, ал адептүүлүк менен үй-бүлөсүнө билдирет (ата-эне көбүнчө сырдана жеңелери, теңтуштары аркылуу билет). Кээде балага кызды ата-энеси, ага-туугандары тандайт. Ошентип, арадан жуучу шайлашат. Айыл ичинде алымдуу, оозунда сөзү бар, эски салт-санааны билген аксакалдар аттуу-тондуу болуп барып, жуучуга түшөт.
Ал барары менен эле жуучуга келдим деп жар салып ийбейт. Чай ичилет, жайланат. Жылуучулук мезгилде болсо кыздын атасы экөө үйдөн мындай обочороок чыгышат. Анан жуучу келүү максатын аста билдирет. Андан аркы ойлор түшүнүктүү боло баштайт. Мында «кызды сураганга бер, кымызды ичкенге бер» деген сөз жеңет.
КАЛЫҢ
«Калыңсыз кыз болсо да каадасыз болбойт» (макал).
Бул кыз алуучунун кыз тарапка берүүчү нарктуу малы, акчасы, байлыгы. «Төө баштаган бир тогуз…». (төө, музоолуу уй же мамалактуу топоз, кулундуу бээ, козулуу кой. Улактуу эчки – бир тогуз деп аталат).
Ар бири кээде тогуздап да кетет. Суу чайпалбас жорголор, аркалуу аттар берилген. «Алыбек алына жараша» мал айдаткан. Кыз балага кенедей кезден куда түшүүлөр болгон. Кудасы калыңды акырын жылдырып берип турган.
Бүлө алууда Кыргыз ата эч нерсени аябаган, саап ичип отурган жалгыз уюн, минип турган атын жетелеткен учурлар да биздин ата-баба салтыбызга, элдик наркыбызга күбө.
Калың берүүсү, калың алуусу – абалтан келе жаткан нарктуу салт. Көрүнгөн тарапка бура бербей анын тазалыгын, таалимдүүлүгүн колдообуз зарыл.
КЫЗ УЗАТУУ ҮЛПӨТҮ
Бул – кыздын биринчи жолу төркүнүнөн аттанаар алдындагы берилүүчү үлпөт. Кудалардын шарттары боюнча (ич ара тойго жумшалуучу байлыктар макулдашылат) той башталуучу күн болжолдонот. Илгери: «Отуз күн ойнотуп, 40 күн кыңшылатып» – деп, үлпөт тою бир нече күнгө, адатта, жайлоодо мал семирген чакта өткөрүлгөн. Кудалар тобу менен союштарын айдап келүүчү дейт. Күйөө бала күйөө жолдоштору менен келип түшкөн. Алар үчүн өз-өзүнчө ак өргөөлөр тигилген, милдеттүү коноктор алынган. Алты бакан селкинчек, жоолук таштамай, шакек катмай, эл чабар, акчөлмөк, токту сурамай сымал кыз оюндары күндүр-түндүр боло турган. Эки тараптын жаштары буга бирдей катышкан. Албетте, күйөө жолдоштор колдон суурулган азаматтардан шайланып, кыз берүүчү айылга оюн-зоокту андан ары жандандырып жиберген. Бардык шарттарын аткарып, айлакердиги менен кутулуп кеткен.
Кызды аткараар күн келет. Камдалган кыз себи даяр болот. Жакшы көргөн жеңелери кыздын чачын экиге тепетең бөлө өрөт. Зер жасалгаларын (сөйкө, желбирөөч, бой тумар, шакек, билерик, төөнөгүч, чолпу (учтук күбөк), чач кап, чач кеп тагат. Шөкүлөсүн кийгизет, жасалгалуу жабдыктары бар атка мингизет. Кыз оюндарындагы үлпөт ырлары ырдалат. Андайда чечендер, куудулдар, комузчулар, ырчылар ж.б. таланттар тынч жатпайт. Энелери, жеңелери «Жар-жар ай» айтышат, тойдун өтүшү тууралуу ырчылар ырдайт, кошок кошот. Адатта, кызды кечте аткарат. Барган жеринде келин тою башталат, кыз шөкүлөсү кайра төркүнүнө кайтарылат. Ал кийинки сиңдилерине ыроолонот.
КЫЗ ОЮН
Байыркы элдик оюндардын бири. Ал атайын өзүнчө тигилген ак өргөөнүн ичинде кызга жигит күйөөлөп келгенде өткөрүлгөн. Ага ырчы, шайыр жаш жигиттер, боз уландар менен кыздар, жаш келиндер чогулушат. Жигиттер боз үйдүн ыпча тарабынан, бойго жеткен кыздар, келиндер эпчи жагынан орун алышат. Адатта, оюнду шакылдаган шайыр келин башкарат.
Күйөө жолдош (ал жалпы адат боюнча ырчы, шайыр жигит болуш керек) белине курчалган курун токмок кылып эшет да, аны оюн башкарган келиндин колуна тапшырат. Келин ал токмокту топтошуп отурган кызкелиндердин арасына таштайт. Алардын ичинен бирөө токмокту катып алат. Ошондогу мисалдардын бири катары күйөө жолдош ордунан туруп:
Кыз оюну бар десе,
Кызыгып көрсөк экен деп,
Азуусун айга жаныган
Мында акындар келген турбайбы?
Ай он бештен тоголду, Айкашып ойноп жатканда, Менин токмогум кайда жоголду.
Ак жамгыр жаабай ным болду. Айкашып ойноп жатканда, Токмогумду алган ким болду?
Токмогум башы тоголок, Айткылачы курдаштар, Токмогум кайда жоголот? Токмогума күйүүчү
Токмогум алган келинге
Тогуз жоолук сүйүнчү, –
деп күйөө жолдош безеленип ырдап, эңкейип далысын тосот. Токмокту катып алган кыз, же келин ордунан туруп келип, күйөө жолдошту тогуз жолу далыга чаап, анан ага токмокту берет. Алгачкы жолу кыз менен күйөөнү, андан кийин дагы ырдап, каалаган кыз- келиндерди жар көрүштүрөт. Токмокту оюнду башкаруучу алып, аны кыз-келиндерге берет. Кыз-келиндер кезек менен улам бири токмокту алып, жигиттерге токмок салат. Ким токмок салса, ошол жигит туруп ырдайт да, токмок салган кыз, же келин менен жар көрүшөт. Оюн ушул тартипте улантыла берет. Бул оюн боз улан колуктусуна күйөөлөп, же алып кеткени барган учурда кыздын төркүнүндө өткөрүлгөн. Кыз оюну сармерден, шакек салмай, бут басмай, жоолук таштамай, жолдош сурамай ж.б. оюндар ыр-күү менен коштолгон.
КҮЙӨӨ ЖОЛДОШ
Бул – колуктуну алуучу жигиттин жан курбусу. Анын болочок кайын журтуна ээрчитип барган жигити. Ал адатта, кыз оюндарында туурадан сөз тапкан, туюктан жол чапкан, кыздын элине мыктап жаккан, жеңе-желпилерине жүйөлөшүүдө эч нерседен алдырбаган, бирок ары уяттуу, ызааттуу, адилеттүүлүктөн тайбаган азаматтардан тандалышы шарттуу. Илгери күйөө жолдоштор барган жеринде отургандардын жарпын жазуучу, шайыр, бирде күйөө баланын таламын талашуучу намыскөй, баарыга бирдей жагуучу кулк-мүнөзү, жигиттик сүйкүмдүүлүгү аркылуу отуз күндүк оюн-тамашаны шаңдандырып, жандандырып жиберүүчү мырзалардан болгон.
Биринчиден, күйөө жолдош мурунтан кудалашкан жерге күйөөнү ээрчитип барып турган. Экинчиден, күйөө жолдош атайын күйөөлөп барган чакта сөзсүз жанында болгон. Үчүнчүдөн, «отуз күн ойнотуп», «кырк күнү кыңшылаткан» тойдо күйөө жолдош болуп, түнкү, күндүзгү оюндарды жандандырган. Төртүнчүдөн, күйөө жолдош кызды кайын журтуна кошо алып келишкен.
КҮЙӨӨ КААДАСЫ
Бул – күйөө баланын колуктусун алууга келгендеги кайын-журтуна жасаган сыпаагерчилиги. Бабалардан калган шарт боюнча күйөө бала тике эле кайын атасынын, чоң кайын атасынын үйүнө келип түшүп, мамыга атын байлаган эмес. Айылга жакындаганда жолдоштору менен аттан түшүп, акырын басып келип, кайын атасына, кайын энесине, чоң кайын атасына, чоң кайын энесине баш урат. Тактап айтканда, үндү чыгарбай, башты жерге сала, таазим кылып турган.
Күйөө үйлөнүп-жайланганда да, очор-бачар бала-бакыра күткөн күндө да кайындарына, төтөн улууларга сыпайы мамиле кылуучу. Өйдө карап, үндү жогору чыгаруучу эмес. Адептүүлүктү сактай жүрүүчү. Мына ушулар «күйөө каадасы» деп аталат. Күйөөнү ушундан улам кайын журту сыйлаган. Адамдардын абийирдүүлүгүн, коймааректигин, коңур жүргөндүгүн «Жаңы келген күйөөгө» салыштырган. «Күйөөнү пайгамбарым сыйлаган», «Күйөө карыса, жээн болот» деген.
Үйлөнүү үлпөтүндө келинди өмүрлөшү менен жашоочу жайына алып барууда да өзүнчө өлчөөсүз шаан-шөкөттөр өткөрүлө турган. Тактап айтканда, келин алуучу тарабын көз тиге карап, чыдамсыздыкта күтүнгөн. Жайында жаңы журтка көчүп-ташынып, желе байланып, өрүштө беш түлүк ыңкып, таң-тамашаларды жүргүзүүгө даярдыктар көрүлгөн. Колукту келе жатканда добулбас урулуп, сурнай үйлөнүп, керней тартылып, айлана бейкуттуктан шаңга бөлөнүп, жашоо-тиричилик дагы бир мертебе жанданып, ооматына келе түшкөн. Келин келе жатканда, жер чие улак (көк бөрү) тарта, ырчылар-чоорчулар мансаптуулардын ата-бабадан берки атак-даңктарын, мартабасын даңазалай келген.
30 КҮН КЫЗ ОЮНУ
Бул – кыз үлпөтүндө өткөрүлүүчү каада-салт. Кызды турмушка аткарарда төркүнү тараптан жасалуучу шааншөкөт. Адатта, кыздын болочок күйөөсү жолдош-жоролору менен күйөөлөп келет. Алар өзүнүн жолдугун жасайт. Ага карата кыз оюндары түнү-күндүзү уюштурулат: алты бакан селкинчек, жоолук таштамай, шакек жашырмай, токту сурамай ж.б. Күйөө тараптын жоро-жолдоштору, айыл жаштары, кыздын жеңе- желпилери бул оюндун көркүн ачат. Кыз-күйөөнү көрүштүрүү аземи болот. Албетте, мында күн сайын той-тамашалар артыла берет. Чечендер, санжырачылар, ырчылар, чоорчулар, комузчулар ж.б. ичинен чыккан шайырлар ушундай жерде чогулушуп, атайын алдырышып, той берүүчүнүн, кыз узатуучунун мартабасын арттырып жиберишет.
Кыз-күйөөгө төркүнү ак өргөө көтөрүшөт. Ага эки жашты жаткырышат. Төшөк салуу, маасы тартуу, жеңелердин аткара турган милдеттери өзүнчө айтылат. Кыз-күйөө ошол өргөөдө болушат. Мына ушул отуз күн ойнотуу, кырк күн кыңшылатуу шартында кыз оюндары менен катар кыздын эмнеге жөндөмдүүлүгү, жекече сапаты баамдала берет. Аларга төмөнкүдөй сапаттар кирет: кыздын үй оокатты тейлөөсү, үйдү иреттөөсү, төшөк салуусу, жүк жыюусу, эшик-төрдү шыпыруусу, казан-аякты кармоосу, кир жуушу, тамак-аш бышыруусу, келим-кетимди кабыл алуусу, отуруп-туруусу, дасторкон жаюусу, чай куюусу, элге сунуусу, эшик-үйгө кирип чыгуусу, көч жүктөөсү, атка минүүсү, үй тигип-чечүүсү, мал саашы. Ошондой эле анын узчулугу да сыдыргыдай сындан өтөт. Ошондуктан, кыздын эч нерсеге эби жок өсүшү эне-атага сөз тийгизип коёт. «Эне көргөн кыз эмес, эндик көргөн бет эмес» – дейт. Үйдүн эркеги кыздын энесин: «Элге-журтка кеп болбойбу, кызыңды тарбияла, үйрөт, көндүр» – деп, астыртан зекип турган. Мындай турмуштук сыноодо мыктылары эне-атанын жүзүн жарык кылып койгон. «Уул жакшысы урмат, кыз жакшысы кымбат». Ушундай таалим-тарбиядан, үйрөтүүдөн накылга айланган.
КЫЗДЫ КҮЙӨӨГӨ АТКАРУУ АЗЕМИ
Отуз күн ойнотуп, кырк күн кыңшылатып, кызды күйөөгө узатуу каада-салттарды өткөрүү асеминен кийин эми аны аткаруу камылгасы көрүлөт. Мында шаан-шөкөттүн көркү мына ушул узатуу оюнунда бөтөнчө сезилет. Кудалар камылгасы бүтүп, кулдуктарын уруп, калдайып түшүшөт. Күйөө бала өзүнүн жоро-жолдоштору менен кийинчерээк келет. Колдон суурулган жигиттер, ырчысы да, чоорчусу да кошо болот. Үйгө жеңелеринин коштоосу аркылуу кыздар кирет. Жигиттер жапырт турушуп, өзүлөрүнүн адептүүлүгүн билгизип, аларды кабыл алышат.
Кыздын теңтуштары көшөгө жакка өтөт. Так ошол көшөгөдө отуруп алышып, кыздар көшөгө тигишинен карап, күйөө баланы сындан өткөрүшөт.
Албетте, салт боюнча колуктуну жеңеси алып барып, күйөө баланын жанынан орун берет. Мында экөө тең бири- биринен уялышып сүйлөшө, жүз караша албайт. Адатта, оюн-зооктор болот. Тил безеген жигиттер отурушту көркүнө чыгарып, ай чыкканда, кашка таң атканча таң-тамашалар өтө берет. Ошондой шарттарда жеңелеринин уруксаты, оюндун шарданы менен кыз-жигит жүздөшүүлөрү ыктымал. Жаштар оюндары көп болот. Акчөлмөк, алты бакан селкинчек, дүмпүлдөк, шакек жашырмай, жоолук таштамай ж.б. оюндары ыр-бий менен шөкөттөлөт.
Аттанаар учур келет. Кыз менен коштошуу башталат. Кыздын кара далы чачы экиге өрүлөт. Ага чолпу (чач учтук), айрым аймактарда күбөк тагылат. Шөкүлө ата-энеси аркылуу кийгизилет. Күмүш ат жабдыгы суу чайпалбас жоргого токулат. Аттын төрт аягы, эки кулагы, ооздук-таноосу гана көрүнгөндөй күмүштөлөт. Тууган-уруктары коштошо баштайт. Акыл-насаат айтат. Жакшы кыз төркүндөрүн кеп-сөзгө калтырбайт. Жеңеси, энеси, чоң энеси, таэнеси, тажеңеси, эжеси, таэжеси кошок кошот. Теңтуштары адат боюнча кыңшылашат. Т.а., алар да жоолук ичинде коштошот, ыйлашат. Кыздын кийим-кечектери сандыкка, же жагданга салынат. Кийип жүргөн тебетейин сиңдисине кийгизет. Урунуп жүргөн буюмдарынан көбү калат. Ошентип, кыз кайын-журтка шөкүлөчөн барат. Шөкүлө кайра үч күндөн кийин үйүнө келет. Аны кийинки сиңдилери кийип чыгат. Эми такыя элечек, жоолук салына баштайт.
40 КҮН КЫЗ КЫҢШЫЛАТУУ
Бул илгерки салттардын катарына кирет, кызды күйөөгө узатуудагы чоң салтанаттардын бири. Узатылуучу бийкечтин башына кымкап же чапан жаап, санаалаштары, акылдаштары (алардын башында да ошондой чүмкөмөлөр болушу мүмкүн) тиги кызга барып, кымкапка башын катып, чекелерин тийгизип, үн чыгара кыңшылап ыйлоолору – өз ара коштошуулары болот. Андан кийин ирээти менен чоң энеси, өз энеси, жеңелери, эжелери кошок айтып коштошкон.
30 күн ойнотууда, 40 күн кыңшылатууда жуучулардын түшүүсүн, аларды кабыл алуу, коноктоо, узатуу жана анда атайын ырчылардын келишин, ошол жуучулардын кайдан келгендигин, кимдер экендигин, кандай каада-салттары бардыгын, анын бөтөнчөлүктөрүн, ал тукумдан чыккан эл билермандарын, журт мыктыларын, баатырларын, ырчычоорчуларын, ордочуларын, балбандарын, мүнүшкөрлөрүн, саяпкерлерин, санжырачыларын, койчу, элге-журтка белгилүүлөрүн ыр аркылуу баяндап берүү жөрөлгөлөрү болгон. Т.а. «Тоюңар тойго улансын, той берген айыл кубансын!» – ошол ырчылардын жардыгы болуп саналат.
КЫЗ КУУМАЙ
Отуз күндүк ойнотууга калыс элдин кароосунда кыз куумай өткөрүлөт. Буга абалы ала турган колуктусу менен жигит өзү чыгат. Мындан кыздын чабандестиги, ат үстүндө чыйрактыгы бааланат. Көчмөндүү турмушта атка жүрүшү, сындуу отурушу, минген аты тууралуу баалоолор болот. Кыз куумай, кайра жигитти кыздын куумайы ошол чакта бир нече курдай кайталанат. Мындан да кыз-жигиттер өзүнүн өмүрдөш жуптарын таап алууга, оюндун кызыгын ошолор өткөрүүгө ылаажылар түзүлөт. «Баланчанын тоюнда таанышканбыз», «Кыз куумайга түшүп…»., «Алты бакан селкинчек тээп жатып…». өңдүү элестер калат.
АЛТЫ БАКАН
Бул – өзүнчө түшүнүк, селкинчектин алгачкы түшүнүгү. Мында алты бакан орнотулат. Анын экөөндө жигит, экөөндө кыз колтуктап кериле турушат. Эки бакан кызжигиттин буттары үчүн тургузулат. Ошондо алар селкилдете, бирин бири ителгидей тебишкенде, көкөлөй түшүп, кайра бирин тепкенде, ал да асмандап ителги, ылаачын кейиптенишет. Мында тебишүү, албетте, бир чети ичтен эрегишүү, тамашага чалуу, мөрөйлөшүү, оюнду шандантуу, чыйрактыгын, өз күчтөрүн байкашуу, демек, селкинчек – бара-бара селкилдете тебишүү. Ошол көкөлөтүп тебишип жатканда кыз-жигиттердин кыял- жоруктары, оюнга жасаган мамилелери билинет. Бул колукту тандоого өбөлгө түзөт.
Үйлөнүү үлпөтүндө 30 күн ойнотуп, 40 күн кыңшылатып, ошол ак кийизи төшөлгөн баяндостун мааниси зор. Себеп дегенде, жигиттер бир жагында, кыздар бир жагында катар тизилген. Күйөө болуучу бала биринчи баштап ыр ырдап, алуучу колуктусун карай кадам шилтеген. Анын ырынын канчалык демдүүлүгү көрүүчүлөр, ич ара калыстар тарабынан бааланган. Алуучу колуктусун акырын келип, сыпайы жүз көрүшкөн, колун мойнуна арта сала алат. Ага жеңеси себепкер болот. Ушундан улам берки жигиттер менен кыздар да өзүлөрүнө ылайыктуу жарды табууга, таанышууга шарттар түзүлгөн.
КҮЙӨӨЛӨП КЕЛҮҮНҮН БИР ШАРТЫ
Үйлөнүүдөн мурда күйөөлөп баруу каадасы аткарылышы мүмкүн. Күйөөлөп келүү каадасы жеринен эле белгиленген. Ал бычылган калың төлөнүп бүткөндөн кийин башталат. Күйөөлөп баруу каадасы көбүнчө болочок жарлар бири-бирин жакшы билишпесе, мурун жолугушуп баарлашпаса аткарылган. Бардарлар атайлап кызга арналган ак өргөө тиктирип, кыз болочок күйөөсү менен мына ушул өргөөдө, же кыздын өзү чоңойгон бөлмөсүндө болот. Ортосун бөлүштүрүп, ала жип чоюп: «Ала жипти аттабагыла», – деп баш коштурган. Ала жип атталбайт, тек жигит кызды, кыз жигитти көбүрөөк билип, даана таанышышы керек. Ошол тапта күйөө балага кыз жакпай калса, же колуктуга жигит жакпаса, өмүр бою бирге жашай албай турган болсо, анда ажырашышат. Демилге күйөө тараптан болсо, калың мал кайтарылып берилбейт. Демилге болочок колуктудан чыкса, калың толугу менен кайтарылып берилет. Эгер түбөлүккө өмүр сүрүүгө эки жаш чын ниетинен бел байлашса, ортодогу ала жипти же кызкемерин аттап коюшат.
ТӨШӨК ТАЛАШУУ
Бул – кудалар салты. Той бүтүп, кыз узатаар күнү, узаар алдында айылдагы зайыптардын кудадан ырымжырым алуу үчүн жасаган тамашалуу аракеттери. Кыл арканды узун эшип, бир учун борчук ташка, же терекке, же мамыга бекем байлашат. Куда тараптан келген эркектер ошол арканды тартып, жулуп кетиши керек. Жулуп кетишсе, аялдар ырымдан куру калат, жула албаса, ырымын алат. Б.а., аларга куда тараптан бээ береби, өгүз береби, ат береби, төө береби, кой береби, айтор, алына карата мал энчилейт. Ошол арканды тартып жатканда аялдар беттерине күл чачып, калың эл көрүп, кыраан каткы күлкүгө бөлөнөт. Мындай мыскылдан тим эле кутулуу үчүн аркан тартпай деле мал берүү жолдугу бар.
«ТОЮҢАР ТОЙГО УЛАНСЫН»
Бул – үйлөнүү тоюнда отуз күн ойнотуп, кырк күнү кыңшылатууда өткөрүлүүчү үлпөттүн бир түрү. Оюн мындай башталган:
Ортого баяндос (кымбат баалуу ак кездеме) салынган. Анын ордуна кийинчерээк ак кийиз да жайылган. Албетте, ал актыкты, дилдин тазалыгын билдирген. Баяндос акыреттик достошуучуларга, ак баталуу куда-сөөктөргө да салынган.
Ошол жерден маңдай-тескей жигиттер менен кыздар кырк бир кадам кетенчиктешет. Биринчи кезек күйөө балага келет. Ал күн мурунтан ак таңдай акындар айтып берген, же өзү чыгарган ырды созуп, алдыга кадамдайт. Ал ырдын мазмуну: ушул жердин тоосунун кооздугун, абасынын, суусунун тазалыгын, ташын, токоюн, жайлоосун, жакасын, айтор, эчтеке койбой баарын мактапжактап ырдайт.
Ушундай жайда төрөлгөн, ушундай жерде көгөргөн перизаттын өзүнө жар болууга буюрулуп жатышына миң мертебе ыраазычылыгын билдирген. Баяндос акыреттик достошуучуларга, ак баталуу куда-сөөктөргө да салынган.
Бул үлпөткө катышуучулар өзүнүн сүйгөндөрү менен көрүшүүгө, сырдашууга, ак тилектерин айтышууга, шерттешүүгө жана оюнду жандантууга шарттары келе түшкөн.
«Тоюң тойго улансын, той берген адам кубансын» деген саптары ушинтип, той боло берсин, той артынан той келсин деген өңдүү каалоолорду ичине камтыган.
КЫЗ БЕЛГИСИ ТУУРАЛУУ СҮЙҮНЧҮ
Ошентип, үйлөнүү үлпөтүндө отуз күн ойнотуп, кырк күнү кыңшылатып, күндө таң-тамаша, оюн-зооктор болуп, акыры алар аяктап, кыз-күйөөнү өргөөгө жаткызуудан кийин күнүгө эртең менен эрте аңдууга алып жүргөн жеңелери алдыңкы ак шейшепти сыйрып жөнөшөт. Эгер колуктуда кыз белгиси болсо анын атасынан барып сүйүнчү алышат. Албетте, бул бир туугандары, бир ата-эненин балдары үчүн да жүзү жарык көрүнүп, ар-намысы, абийири болуп саналат. Эл-журт да алдыртан баамдашат. Эгер кыз белгиси жок көрүнсө, анда күйөө бала сынат. Эртелеп үйүнө, айылына аттанып кетет. Уятына чыдабай, алган калыңды кыздын ата-энеси кайтарып берет.
Турмуштун жолу ар кандай. А мүмкүн, күйөө бала аны анча этибарга албашы да тийиш. Анда өмүр сүрүүгө бел байлашат. Мындайда нике-тоюн өткөрбөй койсо да болот. Туюмда, жаратылышында кыз белгиси билинбеши да ыктымал. Негизи, бул турмушта сейрек кездешет. Кыз белгиси бузулбай жүрүп эле, бойго бүтүү учурлары да бар имиш.
КЕЛИНДИН КЕЛИП ТҮШҮҮСҮ
Адатта, кыз узатуу күүгүм-талаш болот. Түн катып келин келип, түшүү салты бар. Келиндин келе жатышы тууралуу айыл ичи кабардар болуп турат. Нускалуу байбичелер баштап, босогодон аттаганда келин үйдөгүлөргө жүгүнөт. Нандан, боорсоктон, татымалдан, куруттан чачыла чачат. Оозуна май салат. Майлуу, сүттүү болууга ырым кылат. Келинге карата алкоо сөздөр, ак баталар негизинен мындай айтылат:
«Тилегинди берсин»,
«Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын», «Жабылуу кара инген бол».
«Кайын журтуңа ыманың ысык болсун».
«Көшөгөң көгөрсүн».
«Алганың менен тең кары».
Бул өңдүү сөздөрдү байбичелер, карыялар, кайын эне, кайын ата, кирди-чыктылар жана башкалар айтат. Ак жоолукту кайын энеси салат, анан кайын сиңдилери менен көшөгөдө каадалуу олтурат.
КЕЛИН КӨРҮҮ
Бул – өзүнчө салтанат. «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр» (макал). Көргөнү келгендерге жаш келин эпилдеп жүгүнүп турат. Кээ бир аймактарда келин көрүүчүлөр ага бирдеме ыроолойт. (Сөйкө тагат, шакек берет, билерик салат ж.б.) Тескерисинче, айрым жерлерде ата-энелеринин кызга камдаган зер асемдери ылайыгына карата таркатылат.
КУШ БОО БЕК БОЛСУН
Бул – алган жарың аттуу-баштуу болсун, муну менен түбөлүк өмүр сүргүнүң… сымал түшүнүктү берет. Адатта, куттуктоонун түпкү мааниси алгыр куштарга барып такалат. Т.а., жапайы кушту кармап келүү менен аны үндөктөгөн. Ал кайра учуп кетпегендей, ээсин имерчиктеп жүргүдөй түлөккө отуруп, таптоого көнгүдөй, анан таптап, уусуна салгандай колуктуну – зайыпты да таптаган куштардай ардактоо сезимин туюнтат.
Ар бир адам үйлөнүүдө ошондой жакшы тилектерди алдына коёт. «Аялды башынан үйрөтүү керек, баланы жашынан үйрөтүү керек» деген. Куштардын кара мүртөзү болот. Ал үндөккө кирбей, ээсин эчен алакетке түшүрөт. Чалпоо, ичи тар, ит кыял чыганаак аялдар да ошондой болот. Мында куштардын мүнөздөрү аркылуу аялзатынын мүнөздөрү берилет.
КЕЛИН ТОЮ
Бул – бүлө алган тараптын айылынан, элден-журттан бата алуусу, кыз тоюнун уландысы. Тою өткөнчө колукту көшөгөдө болот. Кайын сиңдилери жанында шынаарлап отурушат. (Нике кыюу, өкүл ата шайлоо ошондо бир болот). Келин көрүү, көрүндүк берүү, жар-жар айтышуулар, эл шайырлары мында да эл кумарын бир жазышат.
Азыр үйлөнүү тою келин тоюна өтүп кеткени баамдалат. Жакын кудалар чоң той берүүдө бири-биринин ички мүмкүнчүлүктөрүнө карашат. (Той каражаттарын тең чыгарган учурлары да бар.) Келин тою ак бата алуу менен аяктайт.
ЧАЧЫЛА (ЧАЧЫЛА ЧАЧУУ)
Бул – тойлордо (үйлөнүү тоюнда), өлүк узатууда ак тилектен жана аягы майлуу-сүттүү болсун өңдүү максатта көпчүлүккө татымал (момпосуй, кант, мейиз, өрүк, жаңгак, жийде, мисте…) аралашкан боорсокту ооз тийгизүү. Чачыланы (албетте, боорсоктон башкасын) эшик-төрдү биринчи аттоочу келиндин башынан ылдый чачып да жиберет. Аны балдар, келин-кесектер, кыз-кыркындар жакшылыктын белгиси катары талаша терип жешет. Ар бир аймакта чачыла чачууда айырмачылыктары, бөтөнчөлүктөрү болушу ыктымал (Кээ жерлерде тыйын чачып келген. Бул ырым-жырым кийин чыккан түрү бар).
ЖАР-ЖАР АЙТУУ
Бул – үйлөнүү тоюндагы жаштардын шайыр-шаңдуу ыры, т.а., тойдун гимни. Жар-жар айтуу – жар көрүү. «Бүгүн күйөө той берет, Жар көрөбүз (колукту көрөбүз) жар-жар, ай». Демек, жигит-кыздар жалпы ырдап, үйлөнүү тоюнун шаанисин чыгаруусу. Мунун кийинки мыкты үлгүлөрүнүн бири катары Алыкул Осмоновдун «Жар-жар ай» ырын мисалга алсак болот.
Жигиттер: – Баркыттан кийген балдар ай, Башайы көйнөк кыздар ай.
Эртең күйөө той берет,
Жар көрөлү, жар, жар ай.
Кыздар: – Күйөө берсе той берер,
Биз бербейбиз кыздар ай, Күйөөнүн жөнүн сурабай,
Кыз бербейбиз, жар, жар ай.
Жигиттер: – Ат үстүнөн баратып,
Тыйын эңет кыздар ай, Оодарышса он эрди
Жалгыз жеңет, жар, жар ай.
Кыздар: – Андай өнөр кимде жок, Эмгегин айт, балдар ай. Оодармактан оодарсын
Өнөрү кимге, жар, жар ай.
Жигиттер: – Баланы айтсак ушундай, Кызыңар кандай, кыздар ай. Сүрөө салып көрөлү
Айткылачы, жар, жар ай.
Кыздар: Кеп жүйөсүн билбейсиң, Койкоңдогон балдар ай.
Ушундай жигит жактырган
Жөн кыз бекен, жар, жар ай.
Акыйкатта, минтип жар-жар айтуу кыргыз чөлкөмүндө калып баратат. Мындай шартта кыз-күйөө улуттук кийимдерди да кийишпейт. Бул – элдик маданиятты, өзүн өзү жерүүчүлүк. Казактарда гимн катары ырдалууда. Тактап айтканда, муну тасмага жазып алышып, үлпөт учурунда ырдатып турушат. Той андан соң башталат. Апбетте, бул асемдүү салтты барктоо жана пайдалануубуз зарыл.
НИКЕ КЫЮУ
Бул – шарияттын жолу менен жаңы үйлөнгөндөрдү (мейли жашына карабай) бири-бири менен түбөлүккө табыштыруу күбөдүрлүгү («Күбө, күбө күбөдүр, күбөлүккө жүрөдүр»). Адатта, молдо чай кесеге сууну алып, өз ичинен ага дуба түшүрөт. Молдо баш кошкондордун ортосундагы күбөгө өтүүсү аркылуу алардын бири-бири менен баш кошууга макулдугу барлыгын суратат. «Туттуңбу?» – деп айттырат. Эри абалы «туттум» дейт. Анан колуктусу, аялы, зайыбы «туттум» дейт. Бир аз жашоо-тиричиликтин ар кандай жолдору тууралуу акыл-насаат сөздөр айтылат да, дубаланган сууну аларга ууртатат. Албетте, субай-салтаң барып, мекемесине кирип, никелешүү каттоосунан өтүп келүүгө караганда – «очогуң куттуу болсун!», «Коломтоңдун оту өчпөсүн, оту өчпөгөн коломтого айлансын!» Ошол жайда ынтымактуу, ырыс-кешиктүү жашоо, бу жалган жана жарык дүйнөнүн өмүрүн, ырахатын көрүү.
Калктын каада-салтында ата-энелер уулдарын бир баштан үйлөнтөт. Ошол көшөгөсү көгөрүүчү жайды байырдайт, кайын журтунун тиричилик-жашоосуна аралашат. Кийинки уул үйлөнөт. Ошондон кийин ансыз деле аларды бөлүп чыгарат. Ата-эне ыраазычылыкта камсыз кылат. Ал өзүнчө салтанат катары болот. Үй көтөрүп берет. Мына ушул – очок күтүү. «Очогу кут болсун!» – деп элдер кирип-чыгат. Алар да бирдемелерди ыроолойт. Баталарын беришет. Так ушундай сапаттарыбыз тербигип-тепселип баратпайбы?.. Ата-энелер баарын үйлөнтөт, жайлантат, эң кенжесине ошол үйдүн түндүгү калат. Ата-энени багуу, үй-мүлккө, мал-башка эгедер болуу жоопкерчилиги ошого жүктөлөт. Бул элдик дөөлөттөрдүн мерчемдүүсү болуп саналат.
КҮЙӨӨ БАЛАНЫН ОТКО КИРИШИ
Бул кайын журту үйлөнгөндөн соң күйөө балага эшик- төрүн көрсөтүүсү. Кайын ата, кайын ага өңдүүлөр атайын ардактап чакырып алуусу. Мында күйөө бала күйөө жолдошу менен барат. Күйөө балага биринчи кайын атасынын эшик-төрүн көрүүсү сүрдүү сезилет. Андыктан ал адептүүлүктү, өзүнүн ызаатын сактайт. Отко киргизүүдө ар кимдин сыйы билинет. Ат мингизеби, тон кийгизеби, жорго токуйбу, бардардыкка барып такалат. Отко киргизүү – күйөө бала мындан ары тартынбай катышып туруусу.
От ыйык, демек, эшик-төрдү көрүү оттун символикасын билдирет. Күйөө баланы отко киргизүүдө кызы кошо барат. Ал да сый көрөт. Кийит киет. Күйөө жолдоштун да жакасын агартат, күйөө бала күйөөлөп барганда, анын урматына карата оюн-шоок, шаан-шөкөттөр да болот.
«Күйөө карыса, жээн болот» (макал). Ал да бала- бакыралуу болот. Анда анча деле кысынып-кыйналбай калат.
КЫЗ-КЕЛИНДИН АСЕМ ЖАСАЛГАСЫ
Бул – зергер буюмдарынын жалпы бир бүтүмү. Ага: желбирөөч, сөйкө (сырга), билерик, шакек, бойтумар, чач учтук (күбөк, чолпу), чач кап, чач кеп, ат жабдыктары, ала бакан, жагдан өңдүүлөр кирет. Кыз турмушка аттанаарда кара далы чачын жандырып, эки өрүм кылат да, учуна чолпу тагат. Шөкүлөсүн кийгизет. Зер жасалгаларын келин болгондо да пайдалана алат. Тактап айтканда, аш-тойлордо, шаан-шөкөттүү мааракелерде, көчкөндө, айттарда, куда-сөөктөргө барууда, тосууда ж.б. урунтуктуу учурда салынып чыгуу шарттуу көрүнүш болгон. Кийин кыз-кыркындарына, небере-чөбүрөлөрүнө таберик (эстелик, нуска, үлгү, керээз) катары сакталып калган.
КУДА-СӨӨК КҮТҮҮ САЛТЫ
КУДА-СӨӨК ТОСУУ
Куда – баш кошушкан кыз-жигиттин төркүн жана ага- тууган тарабынан жалпы атоолору. Куда-сөөк күтүү – кыз- жигиттин ата-энелеринин жана тууган-уруктарынын, жакшы санаалаштарынын, дос-тамырларынын ич ара илик алуусу, кадыр-барк тутуусу, сый-сыпаттарга ээ болуусу. Экинчи мааниси – бир тарабынан эшик-төрүн көрүүсү, куда-сөөк каада-салт боюнча алардын бири-бирин коноктоп, кийит кийгизүүсү, мал жетелетүүсү, ырымжырымдарды өткөрүүсү.
БАШ АТЫ
Кыздын калыңын берүүдөгү жетелеп баруучу жылкы Камбар ата тукуму. Т.а., аттын жалына же көкүлүнө кебез байлап, ошол күнү ноктоосу менен атайын жетелеп барып, кудасынын мамысына байлоо. (Бээ береби, асый береби, бышты, аркалуу ат, жорго береби, ал куда-сөөктүн алына, шартына жараша болот. Буга эрөөн-төрөөн кылууга жарабайт. «Жалы болсо ат, жакасы болсо тон» – дейт.)
Негизи башкы калыңы ат жетелеп бараткандан чыккан. А мүмкүн, кырдаалга жараша, жагдайына карата баш ат баштапкы түшүнүк. Ал башкалар менен да алмашышы ыктымал. Мисалы, кудасына төө жетелейби, өгүз айдап барабы, же акча-тыйын сунабы, мындан эрөөн-төрөөн чыкпайт. Ыраазы кылуу, ыраазы болуу – баарынан артык көрүнүш. Эки жаштын ынтымагы жеңет.
Баш аты, ошентип, куданын намысына байланды. Баш аты – калыңдын ата башы. Эми муну кимге жетелетүү керек.
Кыздын эже-жезделерине берүү мүнөздүү келет. Таяке- тайындарына да ылайыкташтырылат. Баш аты кимдерге шартташа түшөрү ошол кудаларды тосуу, аткаруу учурунда эле белгилүү болот. Анткени кошкон кошумчалар да эске алынат. «Таш койгон ташын алат, кыш койгон кышын алат»…
Мында ошол аттардын жалына же көкүлүнө ак кебез байланган. Муну бирөөнүн кызына куда түшүүдө да алдын-ала жетелеп барган. Бул ырымды атам замандан бери колдонгон кыргыздар ар нерсени кирсиз тазалыкка, жүрөктүн, пейилдин түздүгүнө жорушкан.
СЕП (КЫЗ СЕБИ)
Бул – кыздын төркүнүнөн кайын журтуна барган буюм- кечелери. Элдик көркөм буюмдардын жалпы жыйнагы. Ага чеберчиликтин сырдуу учугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз, шалча, ала кийиз, килем, асем нускалар (сөйкө, желбирөөч, күбөк, чолпу, чач кап, кептакыя, билерик, шакек, оймок, бойтумар, төөнөгүч ж.б.), ат жабдыктары, жууркан- төшөктөрү, кийим-кечелери өңдүүлөр кирген. Кыз-күйөөгө атайын көтөрүлгөн ак өргөө – кыз себинин ата башы. Демек, кыз тестиер чагынан тартып эне менен эженин, айылдаш чеберлердин нускоолорунун аркасында узчулуктун учугун саптап, узданууга максаттанган. Ошентип, өзүнө таандык себин өзү баса отуруп, аруу колдон даярдап чыккан.
Кыздын асем жасалгаларына, ат жабдыктарына усталар узанышкан. Ага атайын үй көтөрүп, көмүрүн өчүрүүгө, көөрүгүн басууга, күжүсүн күйгүзүүгө адам шайланган. Устанын узануу акысы күн мурунтан бычылган. Өрмөк согууда, килем токууда, шырдак шырууда, кийиз уютууда, чий чырмоодо, кийим-кечектерин бычып-тигүүдө биргелешип уздануунун салттары болгон. Албетте, аларды үй ээси мыктылап күтүнүп алган.
АРКАН ТОСУУ
Бул – кыз себин алып, кудага баргандагы ырым. Мында кан куданын үйүнө жакындаганда атайын кыл арканды, же көтөрмөнү алып, үйгө, короого киргизбөө үчүн келинкесектер, бала-бакыралар каршы туруп, шаңдуу-шарапат, жарык маанайда, тамаша иретинде туура аркан тосот.
Бул – ырым-жырым келген кудалардан «доолашуу» салты. Кан куда кийинки жөрөлгө боюнча акча сунат. Акыры ыраазы кылат. Аркан тосуу токтолот. Кудаларга эми ызааттуу мамилелер, шар эшик-төргө киргизүү каадасы-салты башталат.
ЖЫЛКЫЧЫЛЫК
Бул – кудага калың алып келүүдө агаларынын, ага тете адамдардын кудалардан тамашага чалып, доолашып алуучу олжосу. (Жылкычылык жылкыларын уктабай кайтаруу салтынан жана жөрөлгөлөрүнөн болушу ыктымал). Кудалар жылкычылык үчүн эмне беребиз деп, жеринен шайланып, дайындалып келет. Адатта, меймандар жайланып, чайланып калгандан кийин, сөз башы чыгат. Мурун эмне бергени бизге анча белгисиз. (Мүмкүн, мал, кийим ыроолочудур.) Кийин акча сунат. Оюн-чынынан кудалардын бергенинин аз-көбү да айтылат. «Пайгамбар барга ыраазы» болушат. Антип ырым берүү ар куданын байлыгына да, марттыгына да байланышат. Ал олжону ич арадан жоро-жолдоштору бөлүп алышы ыктымал.
ЖЕҢКЕТАЙ
Бул – калың алып келгенде кыздын жакын жеңелеринин кудалардан доолашып алуучу олжосу. Бул да жылкычылыктай ырым болот да, ошол жол-жоболор дал өзүндөй кайталанат. Анда жеңелери доолашып, арбын алышы ыктымал. Жылкычылыктай эле аны сырдашыраак жеңеси жакшылык ырым катары беркилерге таратып беришет. Жеңкетай жеринен камдалып келет.
ЖҮК КӨРҮҮ (СЕП КӨРҮҮ)
Бул – кыздын себин алып баруудагы каада. Ага дейре кыздын жууркан-төшөктөрүн өз жеңелеринин бирөөсүнө жыйдырат. Ар бир буюм-тайым өз-өз ордуна коюлат. Жүк жыйган жеңесине ырым-жырым беришет. Жайланышкан- чайланышкан кудагыйлар эми сеп көрүү – жүк көрүү асемине көңүл бөлүшөт. Ага өзүнчө кудалары жолдук ташташат.
КУРЖУН СӨКТҮРҮҮ
Бул – кудалар алып келген кешикти, адатта, айыл ичиндеги набаттуу байбичелердин бирине чечтирүү, оозун ачтыруу. Куржун бузуучуларга арнап атайын кездеме (кээде акча) коёт. Куржун сөгүүчү да ага тете өзүнүн жолдугун жасайт. Кешикти биринчи ооз тиет. Аксакал устукандардын бирине эгедер болот.
КУДА ДАСТОРКОНУНА
БАТА ТИЛӨӨ ШАРТЫ
Мында сөз төркүнү кан кудалар калың алып келүүдө, же кыздын себин алып келүүдө жайылган дасторконго акыркы бата кылуусу тууралуу болуп жатат. Тамак ичилет. Кудаларга кийиттер кийгизилет. Жуп жөнөөр алдында келиндерден бирөө ийилип туруп: «Оомийин?!» – деп бата тилейт. Келгендер сыйлуу дасторконго ыраазылыгын билдирип, бата келгенге «жолдугун таштап», ыраазылыктарын билдире, ак баталарын ыроолошот.
КИЙИТ
Эки куда бири-бирине катташкан убактарда кийилүүчү адеми кийимдер, төтөн, кызын берип жаткан жерге ыраазычылыкты билдирүү, алардын көңүлүн алуу. Жөн эле жарашпаган бир майда-чүйдө кийим-кече менен эмес, алардын бойлоруна, ойлоруна төп, купулуна толорлук кийимдер атайын тигилген. Ырас, кыздын ата-энеси да жооп иретинде уулдун ата-энесине кийит кийгизишет.
Кийит даярдоо, т.а., ичик, чепкен, чапан, кемсел, бешмант, тебетей, ак калпак, кош этек өңдүү элдик кийимдерди даярдоо – узчулук да. Мында куда-сөөктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрү да эске алынган.
Кымбат баалуу кийимдер «баш кийит» деп аталат. Ал жакшы санаалаштар, куда-сөөктөр эшик-төрдү көрүүдө, алар жакшылыктын жышаанасы менен келүүдө ак тилек үчүн салтты, наркты сактап, кийим-кечек кийгизүү. Кийит акыры дасторкон жыйналарда, т.а., меймандар аттанар алдында сакалдуулап коюлат. Улуулата кармай келип шартын, куда-сөөк, жакшылык жол-жобосун кыскача айтыла кийгизет, үстүнө жабат. Кийит кийип жаткандар жолдугу үчүн бирдеме, акча сунат. Кийинчерээк аземдеп кийит кийгизүү куда-сөөк тосууга байланышып жүрөт.
Адамдар бири-биринин алдына түшүүдө да, бирөөлөрдү жекече урматтоодо да эмне кийгизсе, кийит аталууда.
БҮЧҮ БОО
Кийит кийгизүүдө кийит кийип жаткан тараптын ырым катары кийит кийгизүүчүлөрдү куру кол кылбай таштаган акча-тыйыны.
ЧОКОЙ БОО
Олжо катары тапкан байлыгы. Т.а., бирөөлөр иш кылдырса, же бирөөлөр аркылуу иш бүтүрсө, ортодон чыккан акча-тыйын, кийим-кече, мал-сал, кездеме ж.б. ортодон өндүрүп алган нерселер.
КУДА-СӨӨК
Булар бир маанини берет. «Сөөк» деп айтуунун сыры терең. Себеп дегенде, кыз берген жана кыз алган тарапта бул жарык-жалган дүйнөдөн көчкөндө маркумду ак кепиндеп аруу жууда сөөгүнө, кудасына карматат. Адатта, жууда ага- туугандары, жакындары сөөктү кармабайт. Куда-сөөк маркумга аянбайт. Кыргыздын шартында мал жетелеп келет, сөөк жуугандарга адими кийим-кечектери ыйгарылат. «Куданын жаманы суу кечирет», «Дос айрылат, сөөк кайрылат», «Сөөктүн жаманы болбойт», «Куда болгуча ал жайыңды сураш, куда болгондон кийин кулда болсо сыйлаш» деген асыл акыл-насааттар айтылып келүүдө.
ТҮЛӨӨ БЕРҮҮНҮН («КАТМЫНЫН») МААНИСИ
Түлөө берүү («Катмы» өткөрүү) – бул жакшылыктын белгиси. Катмыны качан жаңы үй курганда, өзүнө үй сатып алганда, айрым учурларда сарай, бастырма жана башка курулуштарды курганда да өткөрөрү бышык. Ошондой эле жылдык жана кыркты өткөргөндө да катмы өткөрүп жүрүшөт.
Бул салт айрыкча түштүк элинде кулач жайганы белгилүү. Мында айыл аксакалдары, коңшу-колоңдор, анан, албетте, молдолор чакыртылып сый көрсөтүлөт. Молдокелер сый тамактын алдында, же болбосо ортолоп, өз тартиби менен жакшы тилектерди айтуу аркылуу күчтүү аят-сүрөөлөрдөн окушуп: «Бул берилип жаткан сый тамактар, курулуп жаткан курулуштар: «Алланын ыраазычылыгы үчүн Алла кабыл кылсын…» – деп бата тилешет. Ошол бата менен үй ээси, бала-чакасы менен өнүп-өсүп, жакшы урмат-сыйда болушун тилешет. Жада калса, үй ээсинин ага-туугандарына, ошол жердин элине, бүткүл өлкө элине тынчтык тиленип бата берилет. Биз билгенден бата – бул жакшы тилек-максаттардын жыйындысы болуп эсептелет. Катмы өтүп бүткөндө эт тартылып, бешбармак, же аш берилет. Андан кийин туруп жатышканда да бата тиленип, жакшы үмүттөр айтылат. Кыргызда: «Төө союп да мындай бата ала албайсың…» деген сөз бар. Катмы өткөргөн үйдөгүлөр батанын ишке ашышына үмүттөнөт, өздөрүн ошого карап түздөшөт, жакшылык күтүшөт…
Катмы ошондой эле уул балдардын «колун адалдатканда» (отургузганда) да жогорудагыдай эле тартипте өткөрүлөт. Анда уул балага узун өмүр тиленет, чың ден соолукта болушуна бата берилет.
КУРАН ОКУТУУНУН
(«КУДАЙЫ» ӨТКӨРҮҮНҮН) СЕБЕПТЕРИ
Кудайы өткөрүү – үй-бүлөнүн жакын туугандары кайтыш болсо, же бир кырсыкка учураса, ооруп-сыркап ооруканадан чыкса, ал үйдө союш союлуп, эл чакырылып өткөрүлөт. Анда келген адамдар куран окушуп, тиешелүүлөргө жакшы каалоолор айтылат. Ал эми ооруп-сыркап калгандарга:
«Мындан ары ооруба, жакшы болуп кеткиле», – деп тилек айтышат. Кокус кырсыкка кабылса: «Кудай сактаптыр, өмүрүң узун болот экен, эми үй-бүлөңөрдө тынчтык болсун…» деген каалоолор айтылат. Кыскасы, кудайы өткөрүү деле Алланын ыраазычылыгына багытталат, аруу тилектер айтылып бата берилет.
Кудайы өткөрүүнүн (түлөөнүн) жамааттык да түрү бар. Эгерде жазда жамгыр жаабай, кургакчылык болсо, же болбосо оор кыш болуп, эл абдан кыйынчылыкка кабылса, же катуу зилзала, сел болуп, жаратылыш кырсыктары элди оор абалга алып келгенде да эл бир чечимге келип, союш союу менен Жараткандан жакшылык тилеп «элдик кудайы» өткөрүлөт. Бул иш-чарага бардык үй-бүлө мүчөлөрү катышууга укуктуу.
Кийинки мезгилдерде мындай «элдик кудайыларды» эл ичинен чыккан ишкерлер бардык чыгымын көтөрүп өткөрүп келишет.
Эл андайларга ыраазычылык билгизип, бата берет. Бул эки иш-чара – катмы да, кудайы да элдин бүтүндүгүн, ынтымагын, эриш-аркак болуп жашоо кечирип жатканын, негизинен, өзүнчө өзгөчө эл экенибизди аныктап турган түшүнүктөр.
Жараткандын, жаратылыштын күчтөрүн таанып-билүүдөгү кыргыз элинин улуу даанышмандыгы деп айтар элек.
КОЙ СОЮУ ЭРЕЖЕСИ
Тарыхый маалыматтарга таянсак, мындан он миң жыл мурда, негизинен, Орто Азия аймагынын тоолуу жерлеринде жапайы койлорду колго үйрөтүп бага башташкан.
Койдун сүтүнөн жасалган айран, жуурат, эжигей, сүзмө, каймак-май, курут мурда кеңири колдонулчу. Койдун сүтүнөн жасалган азыктар өтө пайдалуу, адамга керектүү витаминдерге жана башка биологиялык активдүү заттарга бай. Койдун эти, сүтү, майы экологиялык жактан эң таза келип, ден соолукту чыңдап, элдин узак жашоосуна негиз түзгөн.
Бата кылгандан кийин жипти койдун мойнунан бошотуп жерге жыгып, төрт бутун бири-бирине кайчылаштырып жип (мойнунан алынат) менен бекем бууйт. Сол колу менен башын ийе кармап, курч бычак менен мууздайт. Койду мыкты сойгон адамды кыргыздар касапчы деп аташат. Касапчы койду мууздаганда, адегенде күрөө тамырды жана кекиртекти кулактын түбүн туштап кесет. Бычактын мизи моюн омурткага чейин жетиши керек. Аккан кан бир аз жерге агып, андан кийин атайын идишке чогултулат. Сызылып чыккан кан токтогондо, моюн омуртканы ажыратып, жүлүндөгөндөн (жүлүндү бычактын учу менен кесет) кийин, моюндун мууздалган жерин, муздак суу менен канын жууп салуу керек. Андан соң буттарын чечип, терини сыйруу иши башталат.
Терини таза, жеңил сыйруунун дагы бир жолу бар. Андай учурда теринин алдына жел үйлөтүү болуп саналат. Бул ыкма үй шартындагы жасалгалар аркылуу колдонулуп келе жатат.
Жел үйлөтүү төмөндөгүдөй жол менен жүргүзүлөт. Кой мууздалгандан кийин алдыңкы же сан буттарынын терисине насостун жардамы менен жел үйлөтүлөт. Жел үйлөтүү терини таза сыйрууга гана шарт түзбөстөн, эттин сырткы көрүнүшүн да жакшыртат, ошондуктан бул ыкманы касапчылар кеңири колдонуп келе жатышат (орто семиздиктеги кой эти семиз койдун этиндей агарып калат).
Койдун көөдөнүн жарууну төмөндөгүдөй жүргүзүү керек. Адегенде кабыргалардын учун төштөн ажырата кескенден кийин биринчи боконону, андан кийин беш кара кабырганы жана карчыгаларды ажыратат. Кабыргаларды төштөн ажыраткандан кийин карын менен ичегилерди жарып албас үчүн, бир кол менен ичеги-карынды ылдый басып, бычак менен чебердеп карын этин бел омурткаларды карай төштүн кемирчектери аркылуу кесет. Карын этин тегерете кесип, дененин экинчи жактагы кабыргаларын төштөн ажыратып алышат, карын эти төш менен бирге чыгарылат.
Ошентип, ажыратылган төштү бактын бугагына, баканга илип коюу керек. Төштү чыгаргандан кийин денеден карынды жана ичегилерди ажыратуу жүргүзүлөт. Ал үчүн кызыл өңгөчтү таап, аны кол менен этияттап (үзүп албай) тартып моюндан, кекиртектен үзбөй чыгарып алынат. Кызыл өңгөчтү карындан бир карыш жогору жеринин сырткы катмарын эле бычак менен тегерете кесип, кесилген жерди бир аз чоңойтуп ошол жерин бир же эки жолу түйүп байлап коюшат. Кызыл өңгөчтү түйүүнүн себеби, ичеги-карындагы жем-чөп калдыктары чыгып, этти булгап албаш үчүн жүргүзүлөт.
Карындан, ичегиден ич майды толугу менен ажыратып алышат, койдун семиздүүлүгүн ич майдын салмагы аркылуу да аныктоого болот. Андан кийин касапчы карынды ичегиден бөлүү үчүн жардамчы балага карматып кесет.
Карынды ажыраткандан кийин ичегилерди чарага бөлүп салышат да, эзилип кетпеш үчүн, муздак суу куюлат. Ичегилерди болсо, жоон ичегинин учун кесип ажыратышат. Табарсыкты жарбай, этияттык менен кесип алуу керек. Денеден ичеги-карынды алып салгандан кийин бел аркалардын тушунда жыйылган канды (койду жерде аспай сойгондо) өзүнчө бир идишке чогултулуп куюлат.
Андан кийин боордон өт ажыратылат. Муну аткаруу өтө чеберчиликти, тыкандыкты талап кылат. Болбосо өт жарылып кетсе, анын уусу этке сиңип, аны жараксыз кылышы толук мүмкүн. Ошондуктан бычак менен өттүн ичке жагын боордон ажыраткандан кийин, кол менен тартканда, өт боордон ажырайт. Боордон өттү алып салгандан кийин өпкөнү, жүрөктү кекиртек менен бирге ылдый тартып, моюндан ажыратышат. Кекиртекти тартуунун алдында, аны тегерегиндеги эттен бошотуу керек. Жүрөктү узунунан бир-эки жолу кесип, андагы канды муздак суу менен жууп тазалайт. Кекиртектин ортосу тиле кесилип, өпкө, жүрөк баканга асылып коюлат.
Төштүн кемирчеги алынат, салт боюнча, кемирчекти үйдүн, сарайдын төбөсүн көздөй ыргытышат. Эгерде төштүн кемирчеги биринчи жолу ыргытканда эле төбөгө чапталып калса, «үйдүн ээсинин баласынын тайы күлүк чыгат экен» деген аңыз да айтылат. Башты жана төрт шыйракты териден кесип алып куйкалап, тазалоого жиберилет. Эгерде баш менен шыйрактар жүндүү келсе, аны кайчы менен кыркып алып, андан кийин таза куйкалап, жылуу же ыкчам суу менен жууйт. Куйкаланган баштын тил жаагы ажыратылып, казанга салууга даярдалат. Койдун териси денеден толук сыйрылып, төшү, ичеги-карыны, өпкө-жүрөгү алынгандан кийин эт атайын эреже менен жиликтелип бузулат.
ЭТ БЫШЫРУУ
Эт бышырууда устукандардын эти ажырап, эзилип калбай даамдуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурулушу керек. Сорпонун түсүнө, даамына да маани берилет. Этти казанга бышырсак даамдуу болот. Бышкан эттин даамы койдун тукумуна, жеген жем-чөптүн өзгөчөлүктөрүнө жараша болору белгилүү. Кыргыз элинде этти туура бышырууга чоң көңүл бөлүнүп келген.
Адегенде казанга муздак суу куюп, сууга эт салынат. Суунун деңгээли (2–3 см.) эттен жогору болушу керек, андан кийин гана очокко от жагылат. Эгерде эт ысып калган сууга салынса, бышкандан кийин кызарып, көзгө комсоо көрүнүп калат. Этти бышырууда отту да туура жагуу талап кылынат. Эгерде отту алоолонтуп чоң жагып алсак, анда, биринчиден, кайнаган суу ташып, сорпо коромжу болуп калышы мүмкүн. Экинчиден, шарактап катуу кайнаганда эт катуу бышып калат. Ошондуктан суу бир кайнагандан кийин отту басаңдатуу керек.
Казандагы суу жай кайнаганда эт эзилбей, мыкты бышат. Казан кайнагандан кийин этке туз салынат. Казан кайнаганда пайда болгон көбүк (чий көбүк) башка идишке кашык же депкир менен алынып салынат же сорпону улам-улам сапырып чий көбүктү таратат. Чий көбүк алынып бүткөндөн кийин кайнаган сорпону тез-тез сапырып туруу керек. Казандан чий көбүктү алуу, көбүнчө биздин республикабыздын түндүк аймактарында колдонулуп келе жатат. Чоң койдун эти казан кайнагандан кийин 2–2,5 сааттан кийин, ал эми козунуку 1–1,5 саатта бышат.
Этти казанга салуу иши да өзүнчө жол менен жүргүзүлөт. Казандын түбүнө биринчи каржиликти, моюнду, боконону жана колдун этин салышат. Казан бир саатча кайнагандан кийин этти оодарып коюшубуз керек. Этти оодаруунун негизги себеби – эт эзилбей, устукан ажырабай жана текши бышышы үчүн жүргүзүлөт. Этти оодарганда, сорпонун үстүнкү катмарындагы жиликтерди башка идиштерге салып, андан кийин ишке киришүү эт бышырган адамга бир топ эле ыңгайлуулуктарды түзөт. Эт бышканын сорпонун даамы аркылуу билсе болот.
Шаарда, коммуналдык квартиранын шартында, этти чоң мискейлерге салып, газга бышырат. Газдын жакшы жери – оттун табын өзгөртүп турууга ыңгайлуулугу, бирок мискейде эт текши бышпайт, ошондуктан этти убагы менен оодарып туруу зарыл.
КОЙ ЭТИН УСТУКАНДОО, ТАБАК ТАРТУУ
Эт бышкандан кийин казандан же мискейден атайын депкир, сузгучтун жардамы менен өзүнчө бир табакка же чарага чыгарылат. Этти чыгаруудагы устукандар эти менен ажырабай чыгарылуусу керек.
Устукандарды ар бир табакка бөлүү табак тартуу деп аталат. Ар бир табакка жиликтерди бөлүүнү устукандоо деп эсептесек болот. Табак коноктун санына, сыйына жараша тартылат. Мисалы, төрт же беш кишиге бирден табак тартылат. Табак коноктун сыйына жараша жогорку (улуу) табак, ортончу (экинчи) же кичүү табак делип бөлүнөт. Жогорку табак коноктун, куда-сөөктүн аксакалдарына, сый конокторго тартылат.
Кыргыз элинде этти устукандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт. Жумшак эттүү, майлуу устукандар, мисалы, жамбаш, карчыга, кашка жилик, жото жилик – аксакалдарыбызга, карыларга, сыйлуу конокторго (куда-сөөккө) тартылат. Арка, моюн, далы, кар жилик – жаштарга тартылат.
Эң улуу устукан жамбаш эсептелинет, андан кийин кашка жилик, жото жилик, карчыга болот. Ал эми куймулчак аялдардын улууларынын үлүшүнө тиет. Баш улуу устукандарга кирет, айрым аймактарда баш кичүүлөргө тартылат. Ысык-Көл, Нарын аймактарында кар жилик кыздарга тартылбайт (тез карыбасын деген мааниде), күң жилик табакка таптакыр тартылбайт. Карчыга болсо кабыргаларга бөлүнүп, жетишинче башка устукандар менен бирге тартылат (эгерде устукандар меймандарга жетиштүү болсо). Башты табакка тартканда, бир кулагы кесилип коюлат.
Табак тартуудан мурун, үй ээсине ооз тийгизет. Ар бир табакта отургандардын кичүүсү устукандан (эттүүлөрүнөн) этти бешбармак жасоого туураш үчүн кесип алып, устукандарды ар бир кишиге улуулугуна, сыйына, жолуна жараша ыйгаштырат. Табакта отургандардын кичүүсү бөлүнгөн сулп этти майда туурап, бешбармак жасайт. Беш бармак майда тууралган этке кесме (камырды), ысык сорпону (чыкты) кошуп жасалат. Айрым учурда жегиликтүү болсун үчүн чыкка тууралган пиязды кайнатып кошот.
Эт чыгарылып, табак тартаар маалда коноктордун колдоруна үй ээсинин кичүү баласы же туугандары жылуу суу куюшат. Бешбармак желип бүткөндөн кийин табактар алынып, дасторкон жыйналып, бата кылынгандан кийин колго ыкчам суу куюлат.
Кашка жиликтен – томук, жото жиликтен – чүкө чыгарылат. Алар мүлжүлүп, тазалангандан кийин оюн ойноого жумшалат.
Ар бир устуканды таза мүлжүү керек. Жиликтери чагылып, чучуктары желет да, кийин итке берилет, же жерге көмүлүп, отко жагылат. Таза мүлжүгөн далынын сөөгүнүн көрүнүшүнө жараша келечектеги турмуш да сүрүлөт.
КОНОКТУ УРМАТТОО
КОНОК АЙТТЫРУУ
Кыргыздын ата-бабадан берки жоомарт сыймыгы – мейман келип турган үй кут түшкөндөй сезилет. Жети адам келсе, бири Кызыр алекисаламдай көрүнгөн эле. Конок айттыруу – ошол үйдүн тамагын эңсөөсү. Анын бардарчылыгын, кенен дасторкончулугун, кең пейилдүүлүгүн баамдаткан. Демек, конок-аякты ойдогудай тосо аларын, анын салттуулугун жана нарктуулугун, адамдын өзүнүн сыйы, суктанарлык касиети бар экенин көрсөткөн. Бул уяттуу меймандардын баркына жете алуучу, ошол айылды уят кылбоочу, дасторкон үстүнөн тап жылдырбоочу сапатын билдирген.
Эки боз үйдү катар көтөртө коюп, меймандарга эшик ачылат. Катар кемегелер казылат, казандар асылат. Айыл адамдары кызмат кылышат, тойдон тап жылдырышпай санжыра айтылып, көп сандыктын оозу ачылып, ойдогудай конок болуп, анан аттанып кетишет.
Конок айттыруу, биринчиден, кээде ошонун дасторконун сыйлоо. Коноктой алабы, кабак-кашым дебейби? Муну сыноо. Үстөккө-босток конок айттырса да, кыргыз эли сыр билдирбеген. Мейман күтүүдөн шырп алдырбаган. Азыр да конок айттыруу ырасмиси бар. Шек алдырбай, коноктоп коё алышат. Экинчиден, басмырттап конок айттырган учурлар да болот. Кыргыз пейили өзүнүн намысына, ата-тегине, уругуна, уруусуна, элине-жерине сөз тийгизбей, ыйманын ичине сактай алган.
ДАСТОРКОН ҮСТҮН СЫЙЛОО
Жайыл дасторкон – ошол үйдүн сыймыгы, ырыс-кешиги, бактысы. «Дасторкону кандай экен?», «Жайыл дасторконбу?», «Кең дасторкон, келбери немеби?», «Дасторкону куушпу?» өңдүү баалар, анын төтөн, кайнаткан казанына байланышкан. «Куу казан», «Май казан», «Казаны толо кайнабайт»… сымал сөздөр жеринен айтылат.
Даам татуу, даам таттыруу пейилди билдирет. Ошентип, бирөөнүн дасторкону сизди сыйлоонун аракетинде болот. Илгеркилер сыйдын да, сыйлоонун да кадырына жете турган, жарпын жазышып, жадырап-жайнап, дасторконго койгонун барктоочу. Азы-көбүнө ыраазы болуучу, үй ээсин урматтоочу. «Бул дасторкон биз үчүн болуп жатпайбы? – деп, каниет салуучу, топук тилөөчү.
Атайын жайылган дасторкондор, капыстан жайылган дасторкондор, албетте, бири-биринен айырмаланганы менен анын четинде отургандарга бирдей бааланган. Анткени анда үй ээсинин ак пейили, ниети астейдил ызааты чөгөрүлгөн. Азыр да ошондой мамиледе болобуз. Көңүл куунак, дүнүйө түгөл отурабыз.
Бирок кээде айрымдарыбызды кудай уруп коёт. Бирөөнүн жайыл дасторкон үстүндө талаш-тартышуулар, өз ара ич күптүүлүктү чыгаруучулар, ошол жерде бири-бирине кыйынсынуулар, эреркеп кетүүлөр да болот. Мырыйып- тырыйып, не чакчаңдап, не жактырбай отургандар да бар. Үй- бүлөдөгү ички өкүнүч-күйүттөрдү так ошондой учурда кычышып айтышып чыгуулар бар. Ага көбүнчө ичкилик «баатыр» себепкер. Ошол «ала качтырып» кетет. Ошондо «Э-эй, бул сенин үйүң эмес, өз үйүңдө чечишип ал», «дасторкон үстүн сыйла», «түндүк кимдики?» – дейбиз. Үй ээси да, дасторконду жасалгалагандар да оңтойсуз абалда калышат. Ушундай жоруктардан кыргыз ата уул-кыздары эми алыс болуулары зарыл.
«КУДАЙЫ КОНОК»
Бул – бейтааныш адамдардын жол жүрүп келе жатып, күтүлбөгөн жерден айыл ичине, бир үйгө түшүүсү. Ал өзүнүн кудай конок экенин айтат, же азырынча айтпай да туруусу тийиш. Үй ээси аны дароо сурабайт. Бирин бири алар ичтен билишет. Үй ээси болгон мүмкүнчүлүктөрүн аябай, аны сыйлоого аракеттенет. Кой же козу соёт, же эчки-улак соёбу, жөн эле эт салабы, ал ошол үйдүн эрки. Колунан келбесе, болгон тамагын берет, жакшылап жаткырат. Атын жайлайт, жем-чөбүн аябайт. Согум сойгон малы болсо согум этин чүйлүүлөп салат, айтор, сыйлап алат. «Ат коюу сүннөттөн, сөз сурашуу ызааттан» – деп, о-оо, бир кезде жайлашкандан кийин от ойноп, казан кайнап, кабак жайнап калган чакта ич ара чечиле башташат. Мындай конокту элибиз жогору баалашкан. Аны кудайым атайын өзү жибергендей, Кызыр алекисалам келип отургандай сезишкен.
Ушундай шарттардан улам, ал турсун кудай конок келсе, соёрго эчтекеси жок бирөөлөр жалгыз атын мууздап салган имиш. Албетте, айланайын элибиздин сыйын, пейилин эч нерсе менен өлчөөгө болбойт эмеспи!
МЕЙМАН (КОНОК) ТАРТИБИ
«Чакырган жерден калбагын, өзүң басып барбагын» (макал). Адатта, адам чакырык же бир иш аркылуу бирөөлөрдүн үйүнө барууга туура келет. Ап үйдү аттаарың менен өзүңдү меймандай сезесиң. Мында барууга кам көрөсүң, үстү-башыңды карайсың. Ал – жеке керт башыңды жана чакырган адамды, анын дасторконун сыйлоо. Чакырыкка өз учурунда барып түшүүң, өзүңдү да, мейман күтүүчүнү да сыйлоо маданиятың. Шартка жараша, непада кечигип кала турган болсоң, кечигип калсаң, албетте, кечирим суроо парз. Дасторконго отурууда сөзсүз кол жуулат. (Анжияндыктардын бир жакшы сапаты – короосуна кирери менен суу белендейт). Салам айтып кирүү менен өз ордуңду таап отурасың. Адам дасторконго колду адептүү сунат. Тамакка кароо, абалы, нанды ооз тийүүдөн башталат. Алдыдагы насипти ашыкпай, сыйда алып жеп-ичилет.
Оозуңду тамакка толтуруп алып, какоочудай аптыгып, сөз сүйлөбөйт, тиешесиз кепти баштоочу эмес, сөздү тыңдоо адеп. Адегенде сага кызыксыз болсо шек алдырбагын, обу жок күлбөгүн, дасторкондон шашып тура качпагын. Үй ээсине ыраазычылыгын билдирчү да, анан жайынча аттанып кетүүчү.
КОЛУН САЛЫП ОТУРУУ
Дасторкон үстү өтө улук. Кыргыздар меймандос болгондуктан бар тамагын бала-чакасына да бербей кудай конок келүүчү адамдарга сактаган. «Коноктун алдына эмне коёбуз», «Уяттуу мейман келип түшсө, жер карап калабыз»… Албетте, минтүүсү элдин сыйлуулугун, адептүүлүгүн, ыймандуулугун, ашкере берешендигин аныктайт жана далилдейт. Мейманды коноктоонун башкысы – мал союу, ардактуу табак тартуу. «Коноктун алдына аш кой, эки колун бош кой» – деп, эч нерседен капарсыз, ал эркин жеши үчүн, ага чүйлүү жеринен кесип берип отурган. Конокту талаптагыдай тойгузмайын, колду аарчууга, «тойдум» деп өзү чыга берүүгө болбойт. «Толук тойсун» – деп, табакка кол салып, ичтен демөөр берип, жегизип отурган. Бул алгылыктуу салттардан болуп саналат.
МЕЙМАНДЫН АТЫНДА НАРИСТЕНИН
АТЫН КОЮУ
Мейман кудай конокпу, же милдеттүү (чакырылган) конокпу, түшкөн үйүнө ал ыйыктай сезилген. Кудай конок – ал кудайым айдап келген, пейили чаап, буйруктуу конок. Демек, ардактуу конок экени өзү эле айтып турат. Эгер ошол күнү, ошол үйдөн бирөө көз жарса, ал тилекте ошол кудай коноктун атын койдурууга азан чакыртса, анын кадыр-баркы ого бетер артылган. «Бир кудай сүйгөн мейман түнөгөндө төрөлгөн бала. Ошонун атын атап койгонбуз» – өңдүү ниет, арийне, адамдарга жакшы сезилээри белгилүү.
«Жакшыны кыдыр жылоолойт» деген сөз маанисине бул түптөшүп турат. Албетте, мындай салттардан кол үзбөөбүз керек.
КОЙДУН БАШЫН ТАРТУУ
Адатта, урматтуу мейманга атайын арнап кой соёт. Анын ичинде куйруктуу кара козу же кой союу наркы алдыда турат. Мында башы кимдерге тартылат? – деген суроо туулат. Топ адамдар келип түшсө, анын ичинен бирөө өтө кадырлуу көрүнөт. Аксакал табак беттей коюлат да, баш, жото жилиги же жамбашы менен ошого сунулат. Эгер ал кары адам койдун башын мүлжүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, баштын ууртунан кесип ооз тиет, кулактарын кесип бирөөлөргө берет. Башты бузуп, көпчүлүккө берүү үчүн отургандардын бирөөнө ыйгарат. Баш алган адам берки устуканын жейт.
Негизи кой союуда отургандар үч даамды сөзсүз татуу зарыл. 1-баштын этинен, анткени ал куйкум, май этинен, анан ич этинен (мында куйрук-боор эске түшөт). Непада, козу союлса, мээси туураган эттин мазасын чыгарат.
АЛЫС САПАР ТАРТУУ САЛТЫ
Кыргыздар – ат жалын жеңил сезген эл. Алыска кажардуу жүрүүчү ат даярдайт. Тон дайындайт. Жолдош ээрчитет. Атты өрүү кылат. Белин эс алдырат, такалайт. Азык-түлүк камдайт. Сапар тартууга түн ооп аттануу шарият жүзүндө нарктуу келет.
Ошондо периштелер, Кызыр алекисаламдар да жолго атайын чыгат. Алар жолоочулардын колдоочулары болуп саналат. Демек, жол арбыйт. Атка, адамга ичтен дем берет.
УСТУКАН ЖЕШ АДЕБИ
Эт жеш маданияты элибизде мыкты сакталган. Бычаксыз жеп жаткан устуканга тиш матырып, этти жулкуп-булкуп сугунуунун өзү өтө олдоксондук. Ар бир адам чөнтөгүнө макисин ала жүрүүсү керек. Карыялар кындуу бычакты бел куруна байлана жүрүшчү. Мындай сапаттар түштүк элине жапырт таандык. Конок тоскон үй азыр тартылган устуканга бычакты кошо берүү адатка айланууда. Т.а. этти кыя кесип жеште, сөөктү таза мүлжүштө бир гана бычакты пайдалануу шартын-салтын сактоолору зарыл.
ТАЯК МАЙЛОО
«Койчунун таягынан, келиндин аягынан» (макал). Бул кийинчерээк чыккан жөрөлгө. Таяк – койчумандын мал айдоочу куралы. Чабандар ортодон короо кой өткөзүп алганда, таягы акжолтой, малынын төлү эгиз, жүнү тегиз келип, эл-журт арасында жүзү жарык болушу үчүн тегерегине кой союп, кенен дасторкон жайып бата алуу.
МАЙЛАП БЕРҮҮ
Бул кийинки салттардан болуп саналат. Бирөөлөр бир олжого, ийгиликке, пайдага батуудагы элге көрсөткөн сыйы. Мисалы, кийим-кече кийүүдө, ат минүүдө, балдарынын бир жакшылыгын көрүүдө, жаңы үйгө кирүүдө ж.б. жагдайларына карата «майлап берүү тууралуу» анын кыймыл-аракети. Т.а., мүмкүнчүлүгү менен ачык маанайда мал союусу, дасторкон жаюусу.
КОНОК КААДАСЫ
Коноксуз тура албаган кыргыздар илгери жапырт боз үйдө жашаган. Бир үйдө көшөгөдө уул-келини, ыпча тарапта үй ээси, мындан сырткары бала-бакыралары, кары-картаңдары ошол эле үйдөн эптеп сыйлыгышып жата турган. Алар кысталбай-кыйналбай чечинип жатуулары үчүн сыпаакерчиликке коногу акырын эшикке чыгып кеткен. Ары-бери басып, эс алып туруп, бой жазып, даарат ушатуу болгондо үй ээси жатуудан кабар берген. Мына ошол конок каадасы аталып калган.
МЕЙМАН ТОСУУ
Бул – келүүчү мейманды алдын-ала күтүүсү. Аларга эмне сый көрсөтүлөрүн түгөл дайындап коюусу. Милдеттүү конокторду тап жылдырбай, шек билдирбей урматтоосу. Ага журт билермандарын, куда-сөөктөрүн тосуу, өз ара тамак ичүүлөрү, конок айттыргандары ж.б. тосуулар кирет.
МЕЙМАНДЫН АТЫН АЛУУ
Адамды урматтоонун эң эле эски нарктуу-салттуу жолунун бири – меймандардын алдынан тосо чыгуу, салам айтуу, алик алышуу, аттан таптак түшүрүү. Т.а., мейман келе жатканда алдынан окчунураак жерге чейин барып учурашып, шаан-шөкөттүү түрдө аттан алуу. Ал үчүн чылбырын тизгин менен суулуктай сол колтугунан кармаганда мейман оң бутун үзөңгүдөн бошотот. Ат алуучуну карай оң буту жерге такалары менен, сол буту үзөңгүдөн чыгып жеңил түшөт.
Эл өзү ардактуу коноктордун – «эл мыктысын», «иш башчысын», «журт карысынын» мартабасын көтөргөн. Анын жан-жөкөрлөрүнүн аттарын ошол эле мезгилде ар бирин өз-өзүнчө кишилер алган.
Арбын коноктордун аттары кермеге күрмөй байланган, не мамыларга казык бош чалынган. (Бийик түркүккө керилген кыл арканды «керме» деп аташкан.)
Аттарды «сарт боштоп байлоо» (эки атты каршы-терши коюп, куюшкандарына чылбырды «казык бош» чалуу) кылып койгон.
Албетте, меймандын-коноктун чоң-кичинеси болбогон.
Өтө эле кичүү болсо, ал да кадырман. Ошондуктан аны эң улуу даражалуу үй ээсинен да жогору коёт. Өйдө төрдө отурат. Айыл ичинде атын алыстан аласың, босогодон тососуң. Төрдү көрсөтөсүң. Кайдан келгени суралбайт. Суроону өзү бериш керек. Эгер ал өзүнүн жөн-жайын айтпаса, анда аттанаар алдында суроо коюуга акың бар. Мына ушундай жагдай меймандын кадыр-баркын арттырат.
КОНОК (МЕЙМАН) НАСИБИ
Бул – сыйлуу тамакты мейманга сактоосу. Уяттуу адамдар келип калса, алдына коюусу. Кыргыздар конок келгенде дасторкон үстүнүн өтө жупуну болушуна өзүлөрү аябай уялышат. Үкөккө катып, аны кулпулап, балдарына да берүүчү эмес. «Уяттуу адам келип калса, алдына эмне коёбуз» деген ниет ар биринин жадында жүргөн. Карын май ошондой учурда бузулган. «Биссимилда, кудай берекесин берсин» – деп, карынды энелер, байбичелер бузуп, ачаар замат абалы өзү ооз тийип, не андан мурда үйдүн карысына – чоң энеге, чоң атага, үй ээсине томуруп, «култ» эткизе сугунтуп, анан мейман дасторконго сала турган. Катылуу турган набат, мейиз, кант-момпосуй сымал татымалдар, индус чайы ошондо «жарыкка» чыккан. Ал күнү меймандын аркасы менен бапырап, дасторкон үстү карк болуп, кел бери бала-бакыранын оозу майланып, үй ичине береке кире түшкөн. Анан жандык союшуп, мунун баарын «конок өз ырыскысы менен келет» деген ниетти ичтен тартуулап турушкан…
МЕЙМАН АТЫН ЖАЙЛОО
Бул – меймандын атына камкордук көрүү, коноктун так өзүндөй мамиле кылуу. «Ээсин сыйласаң итине сөөк сал» (макал). Ат сууру менен ээр-токумун алуу, отко коюу.
Адатта, меймандар «конок каадасын кылган» шартта аттар жайланат. Кышында акырга коюлат. Эртеси эртең менен сугарылып, жем илинет. (Дегинкиси, жем илип, анан сугарса, жем аттын «бутуна түшүп» кетет, ат аксап, аягынан басынат.) Жайында көбүнчө аттарды оттуу жерге алып барып тушайт, же аркандап коёт.
МЕЙМАНДЫ АТКАРУУГА ДАЯРДЫК
ЖАНА УЗАТУУ
Бул – мейман кайсы учурда аттанаарын белгилеп, ошого карата, айталы, эртең менен аттанмак болсо, дасторкон жайыла электе эле аттарын токуусу. Басмайылын бош тартып, аттанаар алдында чың тартуу. Баары токунаары менен жүгөн катылат.
«Кел» демек бар, «кет» демек жок» дегендей, коноктордон бата сурагандан соң, алар «күчүнөн кайта» башташат. Орундарынан козголот. Бала-бакыра эшик ачышат. Урматтуу мейманды үй ээси коштой чыгат. Атын суулуктан кармап, конокту сол колтуктан алат. Ал сол бутун үзөңгүгө илет. Этек-жеңин кымтылап, үзөңгүнү чирене теминет. Эми тизгин, чылбырын карматат. Кошпөш айтышып, мейман шарт жөнөп кетет.
ҮЛҮШ БЕРҮҮ (КИРЕ ИЧҮҮ)
Бул – «жайлоо майрамы». Жайдын толук кезинде, мал семирген мезгилде жанаша айылдар бирин бири чакырышып, ызаатташа тамак-аш ичүү салты. Меймандостукта, минтип, бирин бири сыйлоо, урматтоо Кыргыз атада мурун укмуштай өнүккөн. Уруу, урук элдерди жакындаткан, сый-урматка бөлөгөн. Ал үлүш берүү же «үлүш ичүү» деп аталган. Мында кутмандуу карыялар өз айылынын адамдарын ээрчитип, калдая барып түшкөн. Шымаланган улан-жигиттер аларды окчундан тосуп, аттарын алган. Аттар каңтарылып, мейман күтүүчү үйдүн эшиги ачылуучу. Куттуу төрдөн меймандар орун алуучу.
Абалы сары самоор шуулдап, андан чай ичилүүчү. Көрөңгүлөнгөн кымыз куюлуучу. Күн ачыкта көк шиберде шырдакта отурушкан. Эт бышкыча санжыра сөздөр айтылган. Комузчулар, чоорчулар, ырчылар ошол жерде болгон. Меймандос элдин мындай каада-салттары айыл ичин ынтымак-ырыска, тааныш-тамырга, даамдаш-кешиктеш болууга, куда-сөөк күтүүгө ойдогудай өбөлгө түзгөн.
Алар бири-бирин чакырышып, кире-үлүш ичүүдө айыл уруу-уруу дасторкон үстүндөгү сыйдан кенедей да өөн чыгарышпай, тап жылдырышпай, ички ар-намыстарын дайыма бийик тутушкан. Бул ата-баба салтынын изден тайбас жолу эле.
ДАСТОРКОН АДЕБИ
Кыргыздар – жеринен меймандос калк. Мейман тосууну ырыска шериктеши катары баалайт. Дасторконду жаюу – бар тамагын аябоо. Шартка жараша бул талаатүздөрдө ар кандай кырдаалга карата болот. Тамак ичүүдө дасторкондун (мисалы, чүпүрөк дасторкондун) туюк учу төрдү карайт. Аны которуп жаюуга эч кандай болбойт. Жылдырып жаят. Абалы, ага нан коюлат. Аны сындыруу аркылуу алдыдагы ашка колдор сунулат. Эгер төрдөн аталар, агалар, энелер орун алса, эркек балдар ата тараптан, кыз балдар эне тараптан сол ыптасында улуулата катар отурушат (эне – эпчи тарапта, үй ээси ыпча тарапта орун алганда, эркек, эненин оң тарабында болуп калат). Бул – ата-бабалардан бери келе жаткан жөрөлгө.
ТАМАК-АШКА МАМИЛЕ
Тамак бар жерде дымак бар. Кыргыз тамак-аштары дандан, сүттөн, эттен жана ушул үчөөнүн ич ара катыштарынан турат. Дандан кандай тамак-аштар даярдалат? Сүттөн кандай тамак-аштар даярдалат? Эттен кандай тамак-аштар даярдалат? Муну жатка билүүбүз тийиш. Албетте, булар толук көчмөндүү турмушка шартташкан. Аш болумдуу, даамдуу, ширелүү келген азыктар жердин чөбүнө, аба ырайына, бийиктикке жараша болот. Тамакты даярдоо, аны урматтоо адептүүлүктү, чеберчиликти талап кылат.
ТАМАК-АШ ИЧИП-ЖЕШ ТАРТИБИ
Бул адептүүлүктүн бир түрү. Ата салтында, эне адебинде улуулардагы жол-жобону сактоо вазийфасы.
Мусулманчылыктын шартында талаа-түздө болобу, азбы-көппү дасторкон жаюу. Андыктан, тамак алдыга келгенде, турбай отуруу (сыңар тизелөө, бүйрө отуруу, чөк түшүү, малдаш токунуу) шарттуу болот. Адатта, дасторкондогу тамакка улуулата кол сунуу. Илгертен эле баш кийимчен тамак ичишкен. Кээде карыялар тебетей, калпактарын, байбичелер элечектерин алат. Ичмек топу, же тепчиме топу (карыялар ак кездемеден тигилген топуну чөнтөгүнө сала жүрүп, уяттуу жерлерде баш кийимин алып муну кийип отуруусу сөөлөттүүлүктү билдирген) менен отурган. Байбичелер жоолук салына коёт. «Көчүк басып ич, жалпак отуруп жегин» өңдүү тескөөлөр мурункулардын нускоолору болуп саналат. Ал эми азыркы жаштарыбыз кез келген жерде, оозуна тийгенин кардыга сугунуп, ач өзөктүк тамак жештин өзү, албетте, мусулманчылыктын салтына өтө жат, өөн.
ТОКОЧТУ (НАН) УРМАТТОО
Албетте, токчулук токочтон башталат. Ал туурасында чечендей бербейли. Эгер куранды биз «ыйык» деп, дааратсыз кармоого ылаажы болбогон сымал, нан андан ыйык экендиги шариятта апачык айтылат. Анда «Жетпей турганда куранды бутуңа коюп, нанды ал» – дейт. Демек, бул нандын баа жеткис, өлчөөгө эч мүмкүн эместигин билдирет.
Карыялар, байбичелер куурулган данды кайда жатса да алып-терип жешчү, балдарга тердирүүчү. Эмне дегенде, чийки дан өсүп, урук алып келет. Куурулган данга убал тура. «Тиги дүйнөгө барганда Кудай Таала төөгө мингизип тердирет». Кыскасы, кыйнайт окшобойбу! Адамзаттын жүрүш-турушу үчүн мусулман дининин тарбиялык-таалим берүүчүлүк бөтөнчөлүктөрү укмуштай болгон.
Токочтун (токчулуктун бир аты – токоч), жалпы эле дандын кадыр-баркына бабалар эч кандай шек келтирген эмес. Адам баарынан танат, дандан танбайт. Ансыз калган тамактарга канааттанбайт. «Ошентип, дүйнөдө нан улук» деген далилсиз чындыктар жашап келген. Демек, нансыз берки тамактар менен көпкө жашай албайсың. Алар дан азыктарына кошумчаланат. Кыргыз дасторкону бай. Ага коюлган тамактар ар кыл. Даамдарды ооз тиебиз. Ошондо да нандын (дандын, буудай, арпа, таруу, конок жүгөрү, буурчак өңдүүлөрдүн) улуулугу баамдалат. Ошон үчүн нандын күкүмүн да жерге таштабайт. Терип алат. Жок дегенде үй айбандарына берип коёт. Алардын да жеп салышы соопчулук болот.
ТАМАКТАНУУ (ООКАТ ИЧҮҮ)
МАДАНИЯТЫ
Бул – мусулманчылыктын шартында алдыда жайылган дасторкондон адептүүлүктө даам татуу, анын жолжоболорун нукура сактоо. Тамакты алчактап чайнабайт. Оозунан майды, чайды чууртпайт. Сакал, муруттардан мурун-ээктерге тамактарды тийгизип, булганыч кылып жибербейт. Мында тазалык, сыйдалык сакталат. Чоң сугунуп, апылдата чайнап, кулк эте жутуп, ач өзөктүгүн билдирбейт. Ызааттыкта аз-аздан сугунуп, майдалап чайнап жутуу зарыл. Басып баратып тамак жеп-ичүүчү эмес.
Талаа-түздө тамактанууга туура келсе, дасторкон үчүн жүз аарчы, же куржун, баштыктан ж.б. жаюу керек. Ат үстүндөгү адамдарга суусундук сунса, идишти ат жалына тийгизип, анан иче-жута турган.
СОГУМ СОЮУ
Бул – мал союу салты. Төтөн, бодо союуну туюндурат.
Согум союлуучу малды даярдоо. Анын бир түрү – кышта желүүчү эт – согум. Анан атайын согум союу – бирөөлөргө берилүүчү эт. Адатта, суук түшкөндө, эт-аш жакшы сакталган чакта (ноябрь-декабрь), кой жону, уй кому, жылкы жалы, төө өркөчү менен турганда согум союу башталган. Батага аксакалдарды, байбичелерди чакырышкан. Абалы чай ичилген. Айрымдары согум сойдурууга бозо салып күтүнгөн. Үй ээси малга бата сурайт. Жигиттери шымаланып малды соё баштайт. Албетте, согум союу салты айрым аймактарда азыр да ушундай. Согум союп жаткан жерге келүүчүлөр: «Согумуң чүйгүмдүү болсун!» – дешкен. «Айтканың келсин!» – деп, жооп беришкен.
Келин-кесектер болсо ичеги-карынын артышат.
Согум союш биргелешип аракет кылуунун мыкты үлгүлөрүнөн болуп саналат.
Мурунтан кыргыздар үй-бүлөчүлүктө улууларды аябай урматтоочу. «Карыларыбызды кантип кышта томсортуп коёбуз, экөөнүн бирин соёлучу, эл катары казаныбыз кайнасын» өңдүү адаттар болгон. Ошентип, согум союуда элибиз жоомарт эле.
Согум союп бергендерге куурдак берилет. Касапчылар кечки конокко чакыртылган. «Жылкы сойсоң – баса жаткын, уй сойсоң үч күнү үйдөн качкының» дешкен. Кыдырып согум этин жешүү ошол жылкы сойгон күндөн башталган. Уйдун этине туз жалатылат. Ал үч күндөн кийин чыйралат.
Камдуулар жылкынын этин элге таратып, коюнун, төөсүнүн, топозунун, уюнун этин жазга сүрсүтүп, эттин даамын арттырган. Бул – адам кызыгып жегендей абалга келтирилип, жегиликтүү кылуу. Сойгондо эле уйдун, топоздун, койдун өз карынына сулп эттерин туздап, шыкап салып толтуруп коюу. Ал бышканда кызыл тарткан, ширеси артылган. «Узун сарыга» – чын куранга (апрелге) чейин сакталган. Мыкты ургаачылар казы-карта, жаяларды унга бөлөп, жайдын толугуна чейин саргектей сактаган. Согум убагында кыштата бозо салып, айылдаштар ич ара күтүнүп чакырышкан. Тамактын нашаасын чыгарган. Азыр да сырт жерлеринде ушундай согумдар союлат. Айрым аймактарда согум союшат, бирок бири-бирин чакырышып, кастарлап, ыракат көрүүчүлүк, албетте, басаңдап баратат.
ЧАРА ТАБАК
Кадырлуу табак. Мында сөз эт жасаган чоң табак тууралуу болуп жатат. Урматтуу конокторго кой, тай, бодо өндүүлөрдү сойгондо жез чараларга казы, карта, карын, жал, карчыганын кабыргасы, омуртка жая сымалдарды үймөлөтүү, чүйгүндөп эт тартуу. Алар чоң чараларга (буурул чара деп аталат) этти дөбөлөтө тартышкан. Илгери тайпак табакка эт тартылуучу эмес.
ООЗ ТИЙГИЗҮҮ
(КЕШИК ООЗ ТИЙГИЗҮҮ, КЕШИК БЕРҮҮ)
Бул – бир жактан (аш-тойлордон, же төркүн-төстөн, конок-аяктардан, куда-сөөктөрдөн ж.б.) келген тамак-ашты айыл-апага чакырып берүү. Ага тамак берүүчү дилгир. Кээде анын артында «ошончо кешиктен ооз тийгизгенге жарабады» деген сөз да айтылат.
ДААМ СЫЗДЫРУУ
«Бир даам таткан жериңе, миң курдай салам бер» (Накыл).
Бул – тамак-аш ооз тийгиздирүү, колдо барын алдына коюу. Кыргыздар көчмөндүү калк эле. Алар ат жалын ыйык сезишкен. Үйгө кирсе, үйдүн жанында ат үстүндө турса, «даам ооз тийгиле, нан ооз тийгиле» дешибиз парз. Аттан түшүрбөй, даам, айран, сүт, жарма алып чыгып, ага сунуубуз. Ал идишти ат жалына тийгизип, ооз тийүүчү, ичүүчү.
Айыл аралай каркыралуу көч өтүүчү. Айыл адамдары алдын тосо даамдарын белендеп туруучу. «Суусап келе жатышат», – дешчү. Демек, алар суусундук менен узатуучу.
ТАБАК ТҮП
Бул – нарын (майда тууралган чыктуу эт) желип бүткөндөн кийин, адатта, чыгын (тууралган эттин ширеси) кесеге куюп, улуулата ирээти менен уурташат да, түбүнө чокчойтуп, табак түп коюшат. Аны эт тарткандар, казанаяк кармагандар жешкен.
Табак түбүн жеш – кешик ичүүнүн бир түрү. Табак түп менен кошо улуулар батасын берет. Табак түп калтыруу – салтыбыз. Улуулардын түбүн кичүүлөрү сонун көрүп ичкилери келишет. Муну эстей жүрүшүбүз керек.
УЮШМА (ОЛТУРУШ)
Адамдардын ич ара каражат чыгарып, дасторкондош болуп тамак-аш ичүүлөрү, көңүл ачуулары. Уюшма ынтымакты чыңдайт. Майрамдарда ж.б. эс алуу күндөрүндө мындай отуруштар көп болуп, сырлар чечилип, шайырлар чыгып, маданияттуу эс алууга шарттар түзүлгөн. Кийинки чактары ичкилик аралашып, уюшманын баркын-наркын, ыркын кетирүүлөр көп болуп жүрөт. Биз мунун нукуралыгын сактообуз керек. Уюшма «шерине», «деңгене», «жоро» өңдүүлөрдү алмаштырат.
КОЛ КЕСЕР
Бул – бодо мал (төө, жылкы, уй, топоз) сойгон касапчыга (малды мыкты сойгон, бат сойгон, таза сойгон адам), ичеги-карын арткан аялдарга мал ээсинин ошол сойгон малдын этинен чөп башылап бергени. Адатта, мисалы, бодону төрт адам соёт, төрт аял ичеги-карынды артат. Эркектердин кол кесери жетим, арка моюн, боор эттен болот. Аялдарга, төтөн, жылкынын тазкарды, көтөн картасы, уйдун чөйчөк карды, тогуз каты, карыны мүнөздүү келет. Көтөн картаны айрым касапчылар өтө кыска чыгарып коюп, арткан келин-кесектерге «колу кууш» аталып үй ээси уят болот. «Көтөн картаны узун чыгаргыла» – деп турган.
КЫМЫЗ ИЧҮҮ ШАРТЫ
«Тоолуу жерде токой бар, токойлуу жерде кыргыз бар, кыргыз бар жерде кымыз бар. Эти – жанга, кымыз – канга» – деп айтылат. Кымыз – атадан калган тамак.
Кыргыз, кымыз, ак калпак – үч эм айтылат, т.а., бир тутам каралат.
Адатта, чын куранда (апрель айы) чыңыртып бээ байлаган. Учурунда мезгил ошого шартташкан. Кулун эненин ууз сүтүнө тоюнуп, оюн салып топуккан учурда казык кагылат. Эшме нокто катылат. Тогоосу менен желедеги илмекке кыстарылат. Көнө элек кулун чыңырат. Энеси баласына каралап кишенейт. Анан көнөт.
УУЗ КЫМЫЗ
Он, он беш күндөгү ачытылган сүт. Ал көрөңгөлөйт. Анан эл чакырып, ал кымызды берет. Бул «Саба бузуу» деп аталат.
Кыргыздар үркөр чыкканга дейре ачытылган кымызды жагымдуу, ар адамга дабакер катары көрөт. Үркөр чыккандагы кымызды айрым жанга анча жагымсыз, «сөөктөтөт» дешет. Жердин шартына карата кымыздын аш болумдуулугу артылат. Чөп бышканда кымыз кызгылт тартып, күчтүү келип, 5–7 градус адамдын денесине таасир этет. Илгери кымыздын тунмасынан ичимдик тарткан. Ал адабиятта «архат» деп аталган. Муну илгерки ири байлар, бийлер, өкүмзарлар, «журт жакшылары» элден бөтөнчө болуп, жашоо рахатын-урматын билдирүү үчүн ичишкен.
Кымыз – жайлоо тамагы. Кадимкидей көрөңгө уулашып, топтошуп салт атчан бастырып, улуулар жол баштап, желелүү жерге түшүшүп… Жаштары аттан алышып… Үйгө кирүүгө эшик ачышып… Уй мүйүз тарта отурушуп… Улуулата чыны сунулуп… Абалы ууртап, даамын татып… Эшикке шырдак, ала кийиз, төшөк, көлдөлөң салып… Таза абада кымызды көөкөр, кол чаначтан куйдуруп коюшуп, санжыра чечүүлөрү болгон.
Кымыз сабадан көнөккө, андан чорголуу көөкөргө куюлат. Чакан көөкөргө чака кымыз сыят. Талаа-түздөрдө, сапарда кол чаначтын оозунан да ичүүчү. Албетте, анда идиштерин ала жүрүүчү.
Кымыз кырма аяктарга (кесе, жыгачтан чабылган чоң кер аяк) куюлат. Балдар үчүн кырма чөйчөктөр чабылган. Кымыз – сиңиримдүүлүгү артылат. Дене уламдан улам демеп турат. Кан тамыр чыңалып чыгат. Кымызды мелдешип ичүүлөр бар. Кымызкорлор (кымызга тойбогондор) болот.
Кымыз ысылык тилетет. Эттүү тамакты талап кылат. Бейкут заманда «кымыз ысылык тилеткенде, кийиктин этинен челмектелген куурдакка тоюп бир уктасаң, бир эли казы байлайсың» – дешчү экен.
Кымыз – жердин чөбү. Суусун элдики, желе турган жерден кыя өтпөй түшүп, суусуну канганча ичип, кол чаначына куйдуруп кетүү эрөөн-төрөөн эмес. Меймандос кыргыздар ак аябаган. Сүттү, т.а., акты сатууга ниети барбаган.
Кымыз – жай тамагы. Сөөлөтү бар элибиз кымыз менен козунун этин бир бүтүм караган. Козу бышкан чакта кымыз күчүнө кирет. Козунун эти бышканча, кымыз ичип ичтейди чакырып отуруу шарт.
Шерине жеш – жай ыракаты. Мында козу союлат, кымыз ичилет. Чөп катып, жердин дыңы сууйт. Сүт муздап, бээ байый баштайт. Акыркы кымызды чогултат да, идишке куюп, чаптап коёт. Ал «шириге жыяр» деп аталат. Аны кыш мезгилинде ачып ичишет. Кичинекей кеп учугу – уй кымыз тууралуу. Бул, адатта, арча же карагай челекте ачытылат. Уйдун каймакталган сүтүн жылытып, ага ачыткы кошот. Ал бууракандап көбүрүп-жабырып ачыйт. Буга талкан чалып ичиш шарт. Аш болумдуу тамак жана суусундук катары бааланат.
БОЗО ИЧҮҮ ШАРТЫ
Бул – кыргыздардын элдик суусундугу. (Бозо кандай даярдалат, ал тууралуу өзүнчө сөз). Угуттуу болгондуктан күчтүү бозодо 7–9 градус болот да, денеге таасир этет. Бозону өзүнчө салып ичишет.
Бозо – кыш тамагы. Эгин-тегин жыйылып, эл арасы өнөктүктөн кутулган чакта, күн сууктай баштаганда, бозо салуу учуру келет.
Бозо, согум – экөө бир бүтүмдү түзөт. Согум эти менен кыштата чакырышып, бозо ичүү элдин башынан өтүп келген нарк болуп саналат.
Бозо – көпчүлүктүн тамагы. Меймандос элибиз бозосун эч кимден аяган эмес. Чакырып берүү – көпчүлүктүн көңүлүн алуу. Кийин «жапма челек» чыкты. Ал – көпчүлүк адамдарга көрсөтпөй бозосун өзүнчө жакшы санаалаштары менен жабык ичүүсү, катып ичүүлөрү.
Бозо – жоро тамагы. Демек, «жоро ичүү» – бозону ичүү. Кордоп, күчүнө келтирип, топтошуп алып ичүү – абалтан элдик нарк. Албетте, мында сөзсүз согум эти салынат.
Бозо – ичтейди келтирүүчү, ысылык суроочу тамак. Сорпо-шилээн ичүүнү талап этет. «Жүрөктү күйгүзөт».
Бозону кырма аяктарга, чыныларга ичүүчү.
Бозо – ардактуу тамак. Той берүүдө, маараке белгилөөдө, куда тосууда, көпчүлүккө сый тамак берүүдө сөзсүз бозо салуу – ата-баба жөрөлгөсүн улантуу.
КЫРГЫЗДЫН КАСИЕТТЕРИ
Аксакалдар бүтүмү – адатта, бир атанын, айыл арасынын, бир өрөөндүн, урук-уруулардын сыймыктанар кутман карылары, набаттуу байбичелери, элдик адамдары бар. Акылга шерик, баскан-тургандары зирек, сөөк күлүк, чеге адамдар жалпы жонунан калыс аталат. Дөңгө чыгып курган маслаттары адилеттүү чечилген. Кара кылды как жарган калыстардын айткандары – оозеки мыйзам. Аны эч пенде буза албаган. «Иш ушундай болуп бүтсүн» – деп, сөз аягын бата тилөө менен бүткөрүп, аттанып кетишкен. Чечим бардыгы үчүн кулактагы сыргадай туюлган. «Манастагы Бакайдын, Кошойдун, Көлдөгү кийинкилер Кыдыр аке, Садыр аке, Мойт аке, Март аке, Тилекмат аке, Ат-Башы, Нарындагы Чоко баатыр, Карач ажы, Канаткан, Сартбай чечен, Чүйдөгү Шабдан баатыр, Жангарач бий, Таластагы Жанкороз бий өңдүүлөрдүн чечкен маселелери, курган маслаттары дубандарга, бүткүл кыргыз атага маалим болуп саналат.
Карыялык нарк – бул көп жашоодогу, тирүүчүлүктөгү келген бир маанилүү, ооматтуу учурду нарктуу, салттуу өткөрүү. Кутмандуу карыялык – өкүнүч эмес, кубаныч! «Мендей алпылдаган абышка бол» – деп, бир чактагы берилген ак батанын үзүрү!
КАРЫЯЛЫК АКЫЛ-НАСААТТАР
Калкыңдын кадырын бил, калкың менен катар жүр.
Калыс адамга каяша айтпа.
Калкыңа карап таш ыргытпа.
Кейпи жаман деп адамды айыптаба.
Көзү өткөндү жамандаба.
Адамды каратып коюп тамак жебе.
Колуңду силкпей сүйлө.
Эл көзүнчө какырынба-түкүрүнбө.
Айрымдар карылык – «мыш» (алтымыш, жетимиш) дешет. «Карысы бардын, ырысы бар» – дешет. Узун жашка чыгууну бактылуулук, сөөлөт катары кароо керек. Ал эми адам кандай карыйт? Арийне, бул – табышмактуу суроо.
Карылардын кемселге кемер курчанып, карышкыр, кашкулак, илбирс ичик жамынып, ыпча тарапта малдаш токунуп отурушу, меймандай төргө олтурушу – бул дөөлөт.
«Төшүн сакал ээлеген, Төрдө отуруп сүйлөгөн. Боорун сакал ээлеген, Болумдуу сөздү сүйлөгөн».
(Эл сөзү)
Бул – карылыктагы чечендик, көптү көргөндүк, көңүлгө көптү түйгөндүк, санжыра чечүүчүлүк.
«Ак сакалдуу карыя, акылы терең дарыя». Бул – карыялыктагы акылмандык, салттуулуктан тайбоочулук, көрөгөчтүк, сергектик, сезгичтик, олуялык.
Ак сакалдардын оозунан, оюнан ак тилек чыгат, батаны жаштар сурайт. Ага карата карыялар жооп берет.
«Жашында калжаң болсоң, карыганда мылжың болосуң» – дейт. Карыялардын, куу сакалдардын, күмүш сакалдуулардын кадыр-баркын өз жүрүш-турушу кетирет.
Биринчиден, улуу-кичүүлөрдүн көзүнчө өйдө-төмөн, уят-сыйыты жок сөздөрдү сүйлөп, кичине-чоңду, теңтуштели кылып отурса, кайран карылык мында бир сынат.
Экинчиден, арак-шарап ичип, оозуна келгенди «оттоп отурса, кайран дөөлөт баштан учат. Бул – карылардын чоң оорусу.
Үчүнчүдөн, өзүнө ылайыктуу кийим-кечек кийип, сыпаа отуруп-туруп, көпчүлүктүн ичинде адептүү отурбаса, куучуңдап, купшуңдап турса, ал карыядан дөөлөт качат.
Байбичелик нарк. Бул – көп жашоодогу бир маанилүү учурду нарктуулукка, салттуулукка өткөрүү. Карыяларды «кутмандуу», байбичелерди «набаттуу» дейбиз. Минткенибиз, «үлгүлүү» карылык – ата-бабалардан келе жаткан сөөлөт. Дөөлөттүү карыялар менен байбичелер — эл көркү, айыл көркү. Байбиченин эпче тарапта кенен этек көйнөк, топчулуу кемсел кийип, түлкү ичик, чепкен жамынып, кирди-чыкты келин-кыздарынын кыймыл-аракеттерине накыл берип, сыңар тизелей, кыраакы көз салып отурушу, бул – карылыктын нускасы. «Неберемди көрдүм, чөбүрөмдү көрдүм, кудайга миң мертебе ыраазымын» деши – бул жашоосуна топук тилөөсү, ыраазы болушу.
Тамактын алдын байбичеге ооз тийгизүү келин-кыздын сыйы, урматы. Байбичелердин жакшылык-жамандыктарга тике катышуулары, алардын билермандыгы – нарктуулукту сактоолору. Андай шарттардын ойдогудай өтүшү, анын элге алынышы, байкоолорду алдыртан жүргүзүп, жеме-жукага катышпай, какчаңдабай, аз сүй лөп, кеп тыңдап отурушу, момурап калышы – куттуу карылыктын белгилери.
Пейил. Бул – адамзаттын табиятында жаралган маданий сапат. Алардын ич ара мамилелериндеги оң таасир берүүчү көрүнүш. Пейилдин оңолушу – пейилдин тарышы, мындай айтуулар шартка жараша болушу ыктымал. Пейилдин оңолушу – жакшылыктын жышааны, пейилдин тарышы – жамандыкка жорулушу. Пейилди оңдоо касиетиңди качырба, адамдык сапаттан танба дегенди туюндурат.
Жүйөлөшүү. Бул – ата-бабадан келе жаткан алымдуу салт. Экинчи түшүнүгү – кепке-сөзгө келишүү. Эки тараптын сөзгө-кепке түшүнүүсү. Ажымулуктук кылбай, ортодогу чыр-чатакты ырбатпай, жайынча мамиле жасап, жалпак олтуруп, күнөөнүн көбү кимде экенин акыйкаттыкта чечишип алуусу. Мында калыстардын катышууларынын анча кажети жок. Жүйөлөшүүдө күнөөсү бирөөсүнүн мойнуна түшөт. Демек, мындай шартта күнөөгө жыгылган адам жолдугун жасайт. Ошол жүйөлөшүүнүн арты мындан ары ынтымактуулукка чакырат. Мунун экинчи жагы кепке-сөзгө жыгуу, кеп-сөздөн алдыруу болуп саналат.
Сөз кунары. Бул – баарыга таандык, мындай учкул сөздөр адамга укмуштай таасир берет. «Ал сөзгө сынды», ‘ал кеп-сөздөн калды», «анын түбүнө тили жетти», «анын айткандарынын кунары качты», «сөзгө сөлтүк, кепке кемтик неме», «убададан тайды» өңдүүлөрдүн төркүнү сөз кунуна барып такалат. Сөз кунары – бул айтыла турган пикир, ойдун таамайлыгы. Бирөөлөргө жеткире түшүндүрүү, сөз кунун туюнтууда шарттуу жерде адам аттан түшүп берүүсү. Сөз кунары (куну) – өз тилин барктап, баалап багуу. Аны асемдеп алмаздай курч кылып асыроо. Жашоо-турмушта катнаш катары пайдалануу.
Ырыс кыркаар. Бул – терс адат. Кесир кылуунун бир көрүнүшү. Т.а., алдына келүүчү, келген ырыс-кешикти качыруу, ыргыштап, текебердик менен алдын-ала түртүп туруучулук. Мисалы, биринчиден, бирөөнүн ак дасторконун сыйлабоо, кайнап жаткан казанды таштап кетүү, чакырган жерге барбоо, сый тамактын үстүндө кер-мур айтуу, үй ээсин баалабоо, отурушту аттоо ж.б. адептүүлүккө сыйбаган жагдайларды жасоочу адам. Элибиз аларды «ырыс кыркаар», «кешик жукпагандар», «ырысын тепкендер» дейт. Тескерисинче, ага абийирдүү мамиле кылуучуларды «ырыска шерик» «ырыс-кешиктүү» дей турган. Экинчиден, кийим кийүү, ат минүү, жаңы үйгө кирүү өңдүү жашоо-тиричиликте да өз ырысын өзү кыркуулар, оң жол турса башка жакка басуулар, тескериленип, келген дөөлөттү качыруучулар да «ырысын жечүлөр» деп аталат. Алар – жекече буюрган олжосуна балта чабуучулар.
Сөз кадырын бийик тут. «Сөзү өлгүчө, өзү өлсүн. Сөзүң менен ишиң айкалышсын» сымал накылдардын чыгышы курч сөз темирди көзөгөндөй, мээге таш тийгендей, кулакка шиш киргендей абалга келтирерин тастыктап турат. «Азамат эрге 61 өнөр аз» – дешет. Бул – адамдын тирүүчүлүктөгү бийик сапаты. «Өнөрдүү өлбөйт» – дейт.
Анткени анын алтын колунан баары келет. Эмне иш аткарса, төп жасайт. Кыргыз ата тукуму боорун жерден алары менен мал чарбачылыкка байланылуу менен эмгекке арбын чегилген. Мал тосуу, мал кайтаруу сымал жөнөкөй аракеттен улам кой кыркуу, малга тоют камдоо өңдүү түйшүктөрдөн – чөп чапса, «чалгычы», кой кыркса «кыркмачы» аталат. Күнүнө 150дөн кой кырккан кыркмачылар, күнүнө гектар чөптү чапкан чалгычылар, ошончо аянттагы эгинди оргон орокчулар чыккан. Бул бир чети кесип, анан өнөр, чабактай туйлатып, азоо кулактап үйрөтүү – эр-азаматтын милдети. Кыргыз жигиттери аттын кулагы менен тең ойногон, чыйрактыкты, шайдооттукту, ыкчамдыкты элибиз жогору баалаган. Бул касиеттер өнөр-кесипти күчтөндүрүп турган. Намысы үчүн балбанга түшсө, найза сайышса, улак тартышса, эңишке чыкса – азамат-эрдин кайраты. Ал бул жерден «балбан», «найзакер», «улакчы» аталат. «Ордочу», «обончу» өңдүү атоолордун өзү эле ал адамдын аброюн көтөрөт.
Тирүүчүлүктө адамдын башына эмнелер түшпөйт. Кор болбой жашоодо мындай өнөргө ээ болуу сөзсүз керек.
Чечендик өнөрүн үйрөтүү. Мында балдардын сөздү айтууга тили жатыгат, ойлонууга, чечмелөөгө жардам берет. Тарбиялык, таанып-билүүчүлүк мааниси артылат. Макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү, таамай ыр саптарын балдарга үйрөтүүдө дагы маанилүү көрүнүш – сөз өздөштүрүүгө жана тил байлыгын арттырууга чоң өбөлгө түзөт. Акындардын мыкты ыр саптарынан, акылмандардын учкул сөздөрүнөн, дидактикалык (тарбия-таалим берүүчү, оң жолго буруучу) чыгармалар пайда болот.
«Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат эмеспи. Кыргыздар адам баласынан сөз аласы жаман, от чыласынан сөз чыласы жаман, адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат» – дейт.
Демек, тил байланыштын, катнаштын каражаты болгондуктан, сөз айтуу, сөз тыңдоо, сөзгө конок берүү, сөздү кадырлоо, сөздү аздектөө кичинекей чактан калыптанышы керек.
Туугандык (тууган күтүү салты). Бул – кандаш, жандаш, уялаш, аталаш, урукташ адамдардын жалпы аталышы.
Кыргыздар тууган-урук санжырасын жеринен айтып келишкен.
Ич ара ынтымактары ширелишип, күйүмдүүлүк кылышкан. Ушундан улам: «Айылдаштардын аты чыкканча, аталаштардын тайы чыксын» – деп, бири-биринин ар-намысын бийик тутушкан, сүрөөнгө алып турушкан. Эки ата өткөн туугандар, үч ата өткөндөр, бара-бара жети ата өткөн туугандар… мындай жакын-алыстыкты тааный жүрүүнү карыялар санжыра катары айтып отурушкан. Бул ынтымак-ырыска, башкаларга адептүү мамиле кылышка, үйлөнүп-жайланууга, жамандык-жакшылыкта күйүмдүү болушка зор таасир-таалим берген.
Аталаш тууган – эки бир туугандын балдары. Жакын тууган эки-үч ата өткөн тууган. Кыйыр туугандар – төрт-беш ата өткөн туугандар. Ага-инилердин балдарын: «Уулдун уулу – улактын шыйрагы» – деп да коюшат. Кыз алышпаган туугандар – негизи бир атанын балдары болушат да, алардын небере, чөбөрө, чүбүрө, кибирелери… белгилүү болуп турат. Кыз алышкан туугандар – жети ата өткөн туугандар. Мында шарият, салт, тукум куучулук боюнча куда-сөөк боло беришке ыктымал туугандар, жыты туугандар, урук, уруулуу бир туугандар.
Тууганчылык – зарыл түрдө сакталуучу салт. Мында уруктук, уруулук уруштар, нааразычылыктары жаралбайт. Кайра абийирдүү элде, ар-намыстуулугу бар жерде туугандыкты, элчилдикти сыймык катары көрүү керектиги келип чыгат. Ошондуктан: «Карыш-карыш, сөөм-сөөм» – дейт. Ал туугандын алыс-жакын аралыгын өлчөп турат. Тууган ичинде: «Карыш бөлүнгөн карыгыча көрүшпөйт» деген сөз бар.
Эл өз аттары аркылуу сыймыктануусу. Адам аттары да улуттук бөтөнчөлүктөрдү аныктайт. Мусулман элдин абалтан келе жаткан азан чакырып ат коюуда жекече ойтилектери бар. Мисалы, кыргыздар үчүн «Аалы» (жогору, улуу) – Акматаалы, Токтонаалы, Сейтаалы, Жумаалы, Турсунаалы, Эсенаалы, Ишенаалы, казактар үчүн – «Бай» (берешен, бай) – Сарсенбай, Дүйсөнбай, Куланбай, Бейсебай; уйгур эли үчүн «Ахун» (төрө) – Хуннахун, Суннахун, Токтахун, Сабитахун; башкыр-ногойлор үчүн «Лин» (улук) – Сайфуллин, Рахматуллин, Хабибуллин өңдүүлөр түпкүлүктүү аттарды түшүндүрөт. Албетте, ар бир улуттун ич ара мүдөө-талаптары бар. Өздөрүнүн мурастык аттарды сактап калуу ар-намысы илгери күчтүү көрүнгөн.
Кыргыздар ат коюуда азанчынын айткандарына макул болушкан. Ал азан чакырып жатканда көзүнө эмне көрүнсө, оюна ким түшсө ошону энчилей коюшу перзенттин азан чакыргандагы энчилүү аты болуп калган.
Жети күндүн символикалык мааниси. Жума, ишемби, жекшемби, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, албетте, булар – күн аттары. Буга карата балдардын аттары коюлат.
Кайсы күнү төрөлгөнүнө карай: Жумабек, Жума, Жумабүбү, Жумагүл, Жумаалы, Жумабай, Жумакан… Ишенбек, Ишенгазы, Ишенгүл, Ишенбүбү… болуп кете берет.
«Жети токоч баабедин» дегени – ошол жети күндүн белгиси, Жети сан (көп колду туюндурат) Жетиген. «Асмандагы жетиген, Ал эмне үчүн жетиден». Демек, наристе жети күндүн биринде төрөлөт. Аны Аначысы төрөтөт, набаттуу байбиче оозантат. Сүйүнчү айттырат, ал үй ээсинин эркинде болот.
БЕШ КОЛ (БЕШ САЛАА) ТУУРАЛУУ
Баш бармак мактап-жактап көрсөтүүдө «эң жакшы», «эң мыкты» деп айтуунун ордуна калган манжаларды жуумп туруп, баш бармакты өзүнчө кайкалай алып көрсөтүү, 2-ден, илгери баш бармакты сыяга жугузуп, кагазга мөөр басчу. Ал – чындыктын далили, дарек-документтерди күбөлөндүрүү, 3-дөн, бир нерсени бир нерсеге салыштырууну, өлчөөнү билдирет.
Сөөмөй – бир нерсени айтууда көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө каратуу үчүн өзүнчө соройтуп, сөз сүйлөө, 2-ден, айрым өкүнүчтүүлүк көрүнүштү сөөмөйдү өтө чычайта, көзгө такай айтуу. «Ал сөөмөйүн кесеп» – деп коёт, 3-дөн, салыштырмалуу өлчөмдү, 4-дөн, «сөөм-сөөм, карыш-карыш» деген аралыкты билдирет.
Ортон 1-ден, салыштырууну туюндурат. Мисалы, «ортон колдой мал», «ортон колдой там», «ортон колдой ат» ж.б. 2-ден, өлчөмдү билдирет.
Аты жок. Баш бармак, сөөмөй, ортон колдой буга сыпаттоолорго болбойт. Ал сөөмөйдөй көрүнөт. Калыңдыкты билдирүүдө сөөмөй ортон менен аты жок кошо айтылат. Мисалы, үч эли, төрт эли (мында чыпалак кошулат). Таман казы (үч эли «таман» чыкты болот).
Чыпалак – төрт манжанын эң кенжеси. Ал кичине нерселерге салыштырылат. Т.а., чыпалактын өзүн чычайта көрсөтүүнүн өзү өтө кичинекей туюндурат.
Калыңдыкты билдирүүдө, мисалы, жылкы союуда анын казысына көпчүлүктүн көңүлү бурулат да, арыксемизи өлчөнөт, чыпалактай дейбиз. Бир эли (сөөмөй көрсөтүлөт), эки эли (ортон кошо), үч эли (аты жок кошо) деп өлчөнөт. «Чыпалак эли» – деп да айтабыз. Бул семиз эмес, «булут», «бычак сырты» – арык дегенди туюндурат.
Балдар: «Баш бармак, бадалекей сүйрү баш (сөөмөй), ортонакей чекилик (ортон), ой баласы Солтоной (аты жок) Кийинекей бөйтөкөй (чыпалак)» – деп, чечмелеп ойношот.
Тең туугандык. Бир атанын балдары, айталык, жети атабызга дейре кыз алышпаган тууган болгондуктан, андан тарагандардын, ага-инилеринин тукумдары бирдей тууган катары саналат. Т.а., экөөбүздүн атабыз бир тууган, менин чоң атам менен анын чоң атасы бир, бабабыз менен бабасы, бубабыз менен бубасы бир туугандар – бул тең туугандар болуп саналат. Мисалы, менин баба атам менен анын чоң атасы эле бир тууган болсо, ал менден алда канча жаш дейли, а менин чоң атам менен укугу тең келет. Мени: «Уулдун уулу, улактын шыйрагы» – деп коюшат. «Туугандын топурагы – алтын». Ич ара ража – «Ынтымак» мамилелерин чечүүдө тең туугандардын кеп-кеңештери зор.
Учурашып чыгуу. Бул – байыркы ата-баба салттарынын биринен. Бир жакка барып, арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин кайра аманчылыкта үйгө келгенде улууларга, айыл кадырмандарга аттанып, атайын барып учурашып кол берүүсү. Албетте, мында ызааттоо, ал адамды арка-бел тутуу, ар бир уруктун сыймыктуусу катары көрүү сезими пайда болгон. Ушундай шарттар аркылуу кичүүлөр өсөт, адептүүлүк жагына баш коёт. Ички ынтымактуулук артылат. Ал адамдын басып өткөн өмүр изи кийинкилер үчүн үлгүгө, нускага айланган.
«Салам айтып чык», бул – улуулардын таарынып калбоосу, жаштардын мурунку жол-жобону сактай жүрүүсү. Кийинки муундардын таалим-тарбиясы менен өсүүсү. Улуулар, минтип, ар дайым айтып, теске салып, өзүнүн өрнөктүү жолдорун көрсөтүп туруусу аркылуу каада-салтыбыз өз нугу менен бармакчы.
Уяттуулук. Адатта, кыргызда мырза – айым, улан – бийкеч, же жаш жигит – колукту, эрди – зайып, абышка-кемпир, карыя – байбиче, т.а., «тең-теңи менен, тезек кабы менен» дейбиз. Эми булардын ич ара мамилелери кандай болуучу.
Ооба, мырзаны мыкты кылыш айымдан, ургаачыдан, «Аял жакшы – эр жакшы, Увазир жакшы – хан жакшы» деген накыл жеринен айтылууда. Ата-бабалар баскан чыйырда кыргыздарда ички турмуш-тиричиликтин күндөлүк колдонуучу мыйзамында мырза – эри, айымы – зайыбы, же жары дейли, эл көзүнчө ырсакташып көрүшүү, бир жак сапардан келишсе, чопулдашып өбүшүү, андай жорук ички маданиятка жатпаган. Ар нерсенин, уяттуулуктун терең эрежелерин кармаган, канчалык сагынычтуу көрүшсө да, ошол эрежелерди абийир, адеп, пир, туруктуу туткан сапат болуулары тийиш. Арийне, сагынычтары көмүскө сыр, жашыруун шартта алар бири-биринин кусалыктарын жазып алуучу. Ал эми көпчүлүк көзүнчө көрө койгонсуп, өз ара «жалашып» тургандарды көзгө илбөө элибиздин тарыхый жана таалимдүү маданиятына коошпогон. Бул үлгүнү эрди-зайыптар бирдей сактагандыгы үчүн ушул күнгө жетип отурат.
Турмуштун тигил-бул тарабын таттыгып келген мырзаайымдарга караганда улан-бийкечтер үчүн уят-сыйытты сактоо өтө назик, уяң, ортодон жел өтпөгөн даражада болгон. Алар бири-бирине сүрдөнчөөк, наристе сезиминдеги махабатын айта албай аптыгып, ортомчул данакерлер аркылуу кепке келүүгө, ооз ачууга араң барышкан.
Бийкеч – беш көкүл кыз, кыргыз ата-баба салтында «кыздын сүрү күчтүү» дешкен.
Ал мурункулардын ыйманына, жүрүш-туруштарына, келтирген салттарына байланышат. Ошон үчүн жеңелерисиз кыз айыл аралабаган. Дайыма үй маанек, эне адаты, жеңе колу менен күндөлүк тиричиликке багыт алган. Кирди-чыктылардан ийменүү, дабыш алдырбоо, бир нерсени иреттүү тейлөө – улуулардын нускасы. Бир сөз менен айтканда, «кыз бар жерде кыл жатпайт». Бул баарына таандык акылман макал болуп саналат.
Кыргызда бийкеч, беш көкүл, колукту, келинчек, келин, зайып, андан ары жашына карата айтылып барат. Булар бекеринен минтип бөлүнбөйт. Уяттуулугу, билимдүүлүгү, ызааттуулугу, нарктуулугу, таалим-тарбиясы артыла берет.
Учурашуу, кол беришүү, шабдандуу колдон алып, биринин жүзүн бири карап, ал-жайын кошо сурашуучу; өтө асылкечтер, жакындар, жакшы санаалаштар кучакташа көрүшүүчү, жаактарына жаактарын тийгизүүчү. Келин-кесектери жүгүнүүчү, ургаачылар жең учтарынан кармашуучу.
Болушары барбы? Бул – тууганчылыктагы айтылар сөз. Т.а., уруша, тартыша, талаша түшкөн учурларда бирөөлөргө ич ара жан тартуусу. Ошонун ар-намысын сактоосу. Мисалы, эр-аялдардын чатактарында төркүндөрүнөн болушуп, кызын чыгарып алууга чейин калп да болсо карпа-курпа урук-ураан талашуусу.
Уяткарбоо. Бул – бирөөнүн айыбын чукубоо, эл көзүнчө билдирип, адамды ичтен кыжалат кылбоо. Маселен, конокто, коомдук орундарда отургандардын кемчилиги билинип калса, кыргыздар аны ошол замат чуулгандатып, түндүктү көтөрүп жибербеген. Анын абийирин өз абийириндей сактаган. Тамактын тузу кемби, эт жеп жатсаң анда жыт барбы, же курттап кеткенби, какап-чакап калабы – муну шек алдырбаган.
Болумушта айрымдар туураган этке койдун, тайдын томугун кошо, сөөк аралаштырып эт жуткурган. Ошондо да ичтен кусаматтарды – «тамашаларды» билген. Билип туруп, байкамаксан болгон, тишке сайылган сөөктү аттанып мындай чыгары менен кан-сөлүндө бүркүп түкүрүп салган. Бул дасторкон жайган үйдү сыйлоо, урматтоого жатат.
Кыйытуу. Адатта, сөздү тике айтпай, адамды туура эмес абалда калтырбай, акырын маанисине карап түшүндүрүү – туюндуруу адеби кыргыздардагы мыкты сапаттардан. Мисалы, бирөөлөргө салыштыруу аркылуу ага айта турган акыл-оюн билдирип койгон. Бул «керегем сага айтам, келиним, сен ук» дегенге барабар. Мында сөз маданияты жана сөз чеберчилиги сакталган. Балдарынын көзүнчө «Алыбайдын уулдары эстүү, «Кудай ургур десе, Ашымдын балдары эси жок өсүптүр», «Ата-энесин көзгө илбейт, тилин албайт, шаардап, көчө таптап жүрөт, ичет тура», «Жаман жүрүү да, жаман туруу да ар адамдын өзүнөн» ж.б. кыйытуу сөздөр адамга алдыртан тарбиятаалим берет.
Адамдардын ич ара ызааттоолору. Кыргыздар туугануруктарга, жерге-жээктерге, айыл ичине бөлүнүүдөгү бөтөнчөлүктөрдүн бири улуу-кичүүлөргө мамиле кылууда сылыктык, кичипейилдүүлүк, эркелетүүчүлүк укмуштай нарктуу, салттуу болгон. Бул – улууну урматтоонун, кичүүнү ызааттоонун накта белгилери. Мисалы, Токтонаалы карыяны улуу-кичүүлөр жапырт «Токо», «Током» дешчү, атам Акматаалыны «Акым», «Акы», «Акай», Сеймаалыны «Секе», «Секем», «Сейтеке», Султангазыны «Сукай», «Сукайым», Өтөгөндү «Өтөм» же улууларды туурап кичүүлөрдүн «байым», Жумабекти – Жумакем, Бообекти – Бокем, Абдымамбетти – Абыкем, арткы мүчөсүн буруп коюулары – бири-бирин ызааттоолору. Уулбегим, Амантайым, Уланбегим, Урматым ушул сыяктуулар өзүнө таандык сылыктыктан келип чыккан.
Кыз-келиндерге, зайыптарга, байбичелерге карата сыпаттоолору, таанып-билүү сапаттары бар. Мында да жылуу сезимдер ыроолонот. Ал Тезекбай байдын кызын алган, Тилебалдынын кызы Батманы кудалашкан, Элебестин Акыясы, Манастын Каныкейи, Эр Төштүктүн Кенжекеси, Семетейдин Айчүрөгү, Алмамбеттин Аруукеси, Курманбектин Айганышы, Малабектин Ак Зыйнаты, Байтиктин Апары, Актандын зайыбы Ажар ж.б. Албетте, мындай атоолор адамдык сапатты билдирет. Үлгү болуучу мааниге эгедер кыргыздар колукту, келинчек, жубан, зайып, байбиче деген өңдүү сөздөрдү арбын колдонушкан. Буга күйөөсүн кошо айтуу нарктуу сезилет. «Калыгулдун катыны» дегенге караганда: «Калыгулдун зайыбы» – деп айтыштын өзүндө канчалык сылыктык баамдалып турат.
Салтты сактоо. Салтты бузууга ар ким эле даай албаган. Аны бузгандар «эл бузар», «журт бузар» деп жектелип, элден да, журттан да чыгып калышкан. Адамдык жазанын эң оору да, эң ырайымсыздыгы да ушул десек болот. Элден чыгып калган адам жек көрүмчү болуп, башка элдерге да бата алган эмес. Ар бир адам өзүн жана үй-бүлөсүн шерменде кылбоо, сөзгө жыкпоо, жер каратпоо үчүн салтты бузууга барбаган.
Кыргыздар тарбияга чоң маани беришкен. Баланын жакшы жана жаманын тарбиядан көрүшкөн. «Жаман адам жок, адамдын баары эле бирдей, тарбиясы ар башка» дешкен. Мунун өзү – адамдын табияты бир, кийин аны тарбия же жакшы, же жаман кылат дегени. Бул «уяда эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дегенди билдирет.
Адамды тарбиялап оң жолго салууга, анын табигый сапатына табылга сапаттарды кошууга боло тургандыгына ишенишкен.
ЖӨНӨКӨЙ АДЕПТЕР
Чайнап жаткан тамакты толук жутмайын бата тиленбейт. Өз алдынча бата кылбайт. Туруп кетпейт. Батадан кийин алчактатып чайнообуз, чайнап жатып сүйлөөбүз адеп эмес.
Көпчүлүктө, эл алдында бирөөлөрдү карап шыбырашуу да маданиятка жатпайт. Алар суунун өйүз-бүйүзүндө турса да, же бир отурса да ачык сүйлөшөт. Адептүүлүк, ачыктык жагынан Кыргыз ата тукуму айкөл келет. Бирөөлөр уктап жатса, беркилер ич ара сүйлөшүүгө, катуу үн чыгарууга болбойт. Аны ойготуп коюу – уят. Улуулата сөзгө конок берүү керек. Сөзгө конок берүү – анын сөзүн кунт коюп угуусу, адамдын айтып жаткан сөзүн бөлбөөсү, астейдил угуусу. Кеп алдын торобоо. Үйдө же уй мүйүз тартып отурган адамдардагы бирөө кызуу, кызыктуу окуяны айтып, же санжыра чечип, көпчүлүктү өзүнө буруп жатканда эшиктен кирген, келген адам жалпыга жарылдап салам бербейт. Баары менен кол алышып, үндү катуу чыгарып, ошол тынчтыкты бузбайт, четине келип тып отурат. Сөз угат. Жуп бүтөрү менен өйдө туруп, улуулата салам берет. Ал-жай ошондон кийин суралат.
Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, аңгеме учугун саптап, сөзмөр айтып бүтмөйүн угуучулардан туруп кетүү уят. Сөз тыңдоочулар бар. Алар угууга куштарлар. Ушундан улам куйма кулак (айтылган сөздү илип алуучулар), акма кулак (бир жагынан айтса, бир жагынан унутуп калуучулар, көкүрөккө түйбөөчүлөр) чыгат.
Түндүк көтөрүү. Адатта, кыргыздарда боз үй көтөрүү – салтанаттуулук. Кереге жайылат, түндүктү көтөрүүдө ошол үйдүн ичине арча түтөтүп, улуулар аластайт. Майдан жыт чыгарат. Бул үй майлуу-сүттүү болушуна символдолот. Келин-кесектер ак элечек байбичелердин көз алдында жүгүнүп кирүүсү шарт. Ал ынтымак-ырыска таазим кылуу.
Мына ушундай көөнөйдө байбичелер аларды алкашат, баталарын беришет. Көтөрүлгөн түндүккө ууктар туштуштан сайылат.
Устун көтөрүү. Бул түндүк көтөрүүдөн кийин чыккан. Жер үй салуудан улам пайда болгон. Т.а., тамдын дубалы тургузулган соң, түндүк көтөргөндө мал союп, учуна кездеме байлап ырымдап, устундук жыгачты дубалдын үстүнө чыгарып, жатак алдыруусу. Кол кабыш кылгандар малдын этин жеп, баталарын берүүчү. Кирүүчү үй майлуу-сүттүү, акжолтой, бала-бакыра, небере-чөбүрөлүү болушун каалоо.
Телүү (малды телитүү) – көчмөндүү кыргыздарда бул мал чарбачылыкка карата аткарылуучу. Беш түлүк малдын төлдөрүн (кулун, музоо, мамалак, бото, козу, улак) бирөөлөрүнө жагызып эмизүү. Муну минтүү үчүн айрым ырымчылардын өзүнчө ыкмалары боло турган. Торолуу учурларында башка төлдүн куйруктарына эритилген тузду сүйкөгөн. Эмизүүчү мал аны жыттап, жалап, ошондон соң саалып жаткан малдын ийип кетүүлөрү болгон. Өлгөн төлдүн терисин кеп, тулуп кылып да аны малга телитип алган.
КЫРГЫЗДЫН СЫН-СЫПАТТООЛОРУ
Кыргыздар адамдардын сын-сыпаттарын, өңү-түсүн төмөндөгүдөй түрдө бере алышкан:
Кара тору (кара торунун сулуусу), кызыл тору (кызыл торунун сулуусу), ак жуумал (ак жуумал сулуу), ындыкара, сары чийкил, сары (эзилиңки сары, эжигейдей эзилген сары), ак саргыл, кубакай, куба жүздүү, кырдач мурун, кыйгач каш, ак маңдай, сурма каш, турна моюн, алма баш, каркыра моюн, бото көз, чап жаак (шап жаак), чырымталдуу, кырчоолуу, боорсок бет, бүркүт кабак, кыргый кабак, күйкө кабак, куш тумшук, бөдөнө тумшук, кузгун көз.
Кээде терс сүрөттөөлөр да боло калат. Ал элик мурун, калак мурун, кем ээк, соку баш, чекир көз, шалпык эрин, керки баш, бүтүк көз, кайкы мурун, үтүрөкөй… өңдүү сыпатталат.
Тараз бойлуу, шыңга бойлуу, жапалдаш бойлуу, узун бойлуу, кең далылуу, тегерек тарткан, эки ийнине эки бүркүт отургандай, толмоч, арыкчырай, экчелген сымал сырткы сыпаттоолор бар. Албетте, муну азыркы муундардын арбыны айра тааный алышпайт.
Кыргызда мырза жигит, улан деген туюнтмалар бар.
Адатта, булар жаштыкты билдирет. Тааный келгенде мырза деш кол тийгис, жеңил-желпи айта коюучу сөз эмес. Мырзаны жигиттерден тандай билүү керек. Келбети келишкен, акыл-ою ордунда, мансабы бар, басканы-турганы орундуу, жигиттик доорду ойдогудай өткөргөн чоңкичинеге алынган күлгүн курак. Мунун элүүдөн ашып, эр ортону болгондорго, алтымыштан ашып, абышка атка конгондорго карата айтылышы ылайыксыз.
Азыр турмуштагы жаш колуктулар, жаш келин, андан ары зайыптар болуп айтылат. Буларды айым десе жарашат. Элүүнү эңиштеген ургаачылар, негизинен пенсия сапарын улоодо.
Анда эмесе, буларды «айым» деп айтуунун зарылчылыгы жок.
Турмуштана элек кыздар бар. «Бийкеч» деген төл атоо бар. Аны «Айым» деп айтуунун өзү олдоксон угулары белгилүү. Турмушка чыга электер «бийкеч» деп аталат.
Кыскасы, кыргыздардын сын-сыпаттоолору да этнографиялык тактыкты, төптүктү, адептүүлүктү, сылыктыкты талап кылат.
Жаштык. Бул – өзү эле кол тийгис сулуулук. Бул – абалтан айтылган кеп. Тирүүчүлүктөгү алгачкы ооматы келген бир учур. Кыздарыбыз кирди кол менен кармагыс асылзаада, акак таш чөгөрүлгөн буюмдардай. Ошого тете уландардын да сын-сыпаттары бар. «Кыздай сылык», «уяң» (бул өтө назик деген түшүнүктү берет). «Жибектей созулган кыз мүнөздүү» – деп баалайбыз. Ошондо кызулан – жаңы ачылган жанаша чыккан эгиз гүл. Алар жыпар желге бой ыргап турушкандай туюлат.
Мына ушундай баага татып келишкен жаштар – кыз- уландар адепти, абийирди, салтты, үрп-адатты сыдыргыга салгандай саптап, сактап келишкен. Жаштардын салтта, наркта жок адепсиз жүрүш-туруштары ата-энени, ага-тууганды, бир айылды, элди, кала берсе жерди жер каратып коюшкан. Өз учурунун «нокто-жүгөндөрүн үзүүчүлөрүн» журт өзүлөрү эле жазалап таштаган. Уяттуулуктун күчү жогорку чекке жеткен. Ал «абийир» деп аталат.
Улан ат жалын тартып мингени – анын эрезеге жеткени.
Беш көкүл кыз тартканы – бийкеч болгону. Эми турмуштун өз тизгинин өзү кармоого камылгасы. Албетте, колдон суурулган эчен бир азаматтар бул учурда үйдүнжайдын, элдин-жердин камын ойлоп калышат. Топко кошулуучу жаштардын өз оюн-зоокторунда эле көзгө көрүнүүсү, мында ошондой шаң-шарапаттуу жайларда жылдыздары табышкан.
Жаштардын махабаты жылт-жулт этип, үй-бүлөчүлүк, келечек жашоо тууралуу үмүттөрү, умтулуулары өзүнөн өзү пайда болгон.
Аманат. Бул – адамдардын тактыктагы жана төптүктөгү ич ара мамилелери. Оозеки түрүндө аны өзүндөй кылып аткарууга сөзсүз тийиш болгон салам-дубайлары:
Биринчиден, тапшырылган ишти жасап коюу;
Экинчиден, берген нерсени дал өзүндөй алып барып берүү. Ал өтүнүчтөрдү аткарбаса мойнуна карыз болуп калуу;
Үчүнчүдөн, айттырган кеп-келечти өзгөрүүсүз айтып баруу.
Мына ушулардан улам «аманат айттырган», «аманатка берип жиберген», «ал аманат айттырыптыр», «анын аманатын аткаруу керек», «аманатты аткарбаса уят» сымал ой-пикирлердин таалим-тарбиялык мааниси өтө зор.
«Аманат калтыруу», «аманат берүү», «аманат айттыруу» – булар кат-кабарсыз эле Кыргыз атанын ар мамилеге калыстыгын, алымдуу-беримдүүлүгүн айкындап турат.
Аманат – ата-бабалардан келе жаткан эски каадалуу салттардан. Баалуу буюмдарын-тайымдарын бирөөлөрдүн колуна калтыруу. Башкаларга мал кошуу, жайытка мал чыгаруу, мингичке мал берүү, бирдемелерди бирөөлөргө ишеним менен тапшыруу, шашылыш салам-дубай айттыруу, жекече өмүрдө кызыктуу окуяларды эскере, баяндай жүрүү өңдүүлөр да аманат деп аталат.
Насыя. бирөөлөргө бересе болуу, карыз алуу, кайра кайтарып бере албай көпкө жүрүү, кайра-кайра карыз алуу аркылуу карызга белчесинен батуу. Насыядан башы арылбоо. Арийне, «эр жигиттики элде жүрсүн, эриккенде колго тийсин», бул – эл багуу, жакшылык кылуу, пайдасын тийгизүү. Адамдык сапат мына ушундай болуусу керек.
Кек (кек сактоо). «Кекти капырга жараткан» (Макал).
Бул – ичте кара санатайлык калуу, жүрүп-жүрүп каршылаш адамынан өч алуу. Кара ниеттик кылуу. Жамандыкты сактоо. Ушундан улам «кектеп жүрөт», «кеги бар», «өч алат», «кекчил адам» өңдүү сөздөр айтылат. Мунун карама-каршысы, оң мааниси «ак көңүлдүк», «ичинин тазалыгы». «Өзөктөгү өрт», «сөөк өчтү» сыяктуу туюнтмалар кектөөдөн чыгат. Бул бир чактары андан запкы көрүүдөн пайда болот.
Жашоо-тиричиликте кек сактоо – зыян көрүнүш. Ич ара жүйөлөшүү аркылуу элдешүү, нааразычылыкты, кусаматчылыкты коюп, таза денеге таза ой-пикир, ар дайым жакшы тилекти кармоо мусулманчылыкта адамкерчиликтин асыл касиетин билдирет…
Түтүн булатуу – эресеге жетип үйлөнүп, үй-жай, бала- бакыра күтүп калган уул ата-энелеринен бөлүнүп чыгып, өзүнчө оокат кылуусу. Жашоо-тиричилигине жекече чабыт алуусу. Мында, биринчиден, өз-өзүнчө турмушун жасоочулар, экинчиден, ата-энелер уулдарын улам улуулата үйлөнтүп, атайын үй көтөрүп, там салып, мал бөлүп, бала энчисин өз колуна карматуусу.
Чоң үй, чоң аш. Бул – бир атанын балдарынын сыймыктанаар, конок-аяк көп аттанып-түшүп, казан-аяктуу (тамак-аштуу), кирди-чыктыларга кел-бери үйү. Ушундан улам «чоң үй – чоң аш» деп айтылат. Илгери чоң үйгө байдын үйү, бир туугандардын улууларынын, бардарынын үйү кирген. Чоң үйдүн берки мааниси – кичи үй. Ал – бир туугандардын кенжелеринин үйү. Чоң үй «чоң түндүк» деп да айтылат. Чынында, үйдүн өзү бараандуу тигилип, «чоң түндүк» деген салыштырмалуу маанини түшүндүрөт. Келиндери тарабынан «чоң үйдөгү акем», «чоң үйдөгү энем», «кичи үйдөгү уул» өңдүү ызааттоолор, тергөөлөр айтылып келген.
Төр. Бул – үйдүн жүгүнүн тушу. Меймандардын отура турган куттуу орду. Боз үйдүн «эпче» тарабы менен «ыпча» тарабынын ортосу. Адатта, үй ээси өз орунун бербейт. Кичүүбү, улуубу, төрдө отуруу наркы бар. Негизи үй ээси эл барда өз төрүндө өзү отурбайт, келин-кесектери улууларынын, уяттууларынын төрүнө өтүшпөйт. Бул – ызаат, сыйлоо, эски адепти сактоо. Ал турсун улуулар үйдө отурса, кичүүлөр алардын үстүнө кирбөө ыйманы мындан мурун бар болгон.
Үйдү шыпыруу. Адатта, тазалыкты сактоо, таза тутуу короодон башталат. Айлана-чөйрө мизилдеп турса, ошого карата кадам жакшы маанайда шилтенет да, үй ичине кирет. Тазалыкта кармалган бөлмө адамга маданияттуулукту тартуулайт. Салтта үй шыпыруу, туруп жууркан-төшөктү жыйноодон, жуунуудан, эртең мененки тамакка отуруудан мурун башталат. Таза үй тамакты көңүлдүү ичүүгө, маңдайы жарып, ойдогудай отурууга шарт түзөт. Эл отурганда, эл жатканда, кирди-чыктылар учурунда үй шыпыруу, шыпырынып отуруу, шыпыргы менен чаңызгытуу үйдөгү меймандарга аброй алып келбейт. Адептүүлүктүн чегине жатпайт. Үй ичин тирдөөчү учур коноктордун эшикте сейилдеп турушунда, үй ээсинин, бала-бакыранын малсалды жайлоо учурунда чакталат. Үй ичин желдетүү ошондо болот. Чаңды ж.б. ыплас нерселерди шыпырууну да аяр аткарып, адептүүлүк, ыймандуулук, этияттыкты сактоо зарыл.
Камчысын берүү – бирөөлөргө бирдеме айттыруу, ишенимин билдирүү. Айтып берүүчү адам анын актыгы үчүн камчысын көрсөтүү аркылуу ишенимге ээ болуу. Илгери кат ордуна мындай салам-дубай жиберүүсү менен адамдар бири-бирине күбөлүккө өтүшкөн. Бул көбүнчө конок айттырууда, буюм-кече сурашууда көп пайдаланылып, кадырлуулардын баркын-наркын билдирген. Баш кийимин кийип баруусу аркылуу да ушундай иштерге жарап турушкан.
Улут оюндарында, мисалы, устачылыкта, узчулукта, ат үстүндөгү таң-тамашаларда, эр эңиште, балбан күрөштө камчысын, уста көмүркөйүн, уз камчы, кестигин, упайчы чүкөсүн, ордочу абалагын өзүнүн ишенимдүү шакирттерине бериптир деген чындык айтылган. Ал анын өнөрүн улоосу болуп саналат.
Түндүк калтыруу. Кыргызда мындай бир сөз бар: «Түндүк кимдики?» Ал ар кандай шартта айтылат. Эгер ошол үйдө отуруп, адамдар өйдө-төмөн тартыша түшсө: «Тек отур, түндүк сеники эмес. Өз үйүңдө чечишип ал, өз чамгарагыңды ойлой отур» – дейбиз. Түндүк, т.а., отурган үй сеники же меники эмес, ал – атадан балага, бабалардан калуучу мурас. Ошол мурасты сактагандар түндүккө эгедер. Алсак, кыргызда эркек балдары бешалтоо болсо, бир баштан улуулата үйлөнтөт. Үйлөнтүп, бир аз байыр алаар менен ата-энеси аны бөлүп чыгарат. Өзүнчө түтүн булатууга куштар болот. Анын энчисин берет. (Энчи берүү атайын өзүнчө айтылат). Үйлөнгөнү бир баштан ушинтип бөлүнүп кете берет. Акыры кенже уулу колунда калат. Демек, ал – үй ээси, түндүк ошонуку, каада-салт боюнча ата-эненин сөөгү ошондон чыгат. Бул – чоң аталардан келе жаткан бүтүм. Анын боз үйдү күтүүсү, аны кийинки муундарына дал өзүндөй өткөрүп берүүсү. Түндүк калган үй барктуу, касиеттүү, чоң үй, чоң аш көрүнүп, той-аштарда урматталат. Учалар ошол түндүк калган үйдүн тукумуна тартылат.
Жакасын агартуу. Бул – абалтан келе жаткан каадасалты. Кыргыздар катышка мыкты болот. Тууган-уруктуу, жерге-жээктүү, дос-тамырлуу келет. Келди-кеттилер көп болгондуктан ар нерсенин шартына карата жолдугун жасоодон, эрес алуудан тап жылдыруучу эмес. Эгер жакын санаалаштардан күтүүсүз келип түшсө, маанектеп турса, ырымын жасап, көйнөк кийгизет. Мындан жакасын агартып чыгарды деген сөз калат.
Олжо (олжо-буйлалуу болуу). Бул – күтүүсүздөн табылган табылга, бирөөлөрдүн бергени. Талаа-түздөн тапкан буюм-кечелери, акча-тыйындары, таң-тамашалардагы мелдештерде, ууга чыкканда ж.б. жерлерде жолдуу кайтуусу.
Муну кыргыздар «канжыгалуу кайтуу» дейт. Тескерисинче, кээде олжосуз жүргөндөрдү «куру канжыга» деп коюшат.
Олжосуз келгендерди «куру кол» дешкен. Канжыгасы кабат, бул – олжо-буйлалуу келүү.
Шириге жыяр – кулундун тумшугуна байланган шишти алып салуу. Желени агытуу учуру. Айрым сүттүү бээлерди күз ортосуна дейре саап ичүүгө туура келген. Желени агытып, кулундар такай энелери менен жайытта жүргөндө тиги тумшугунда эчкинин мүйүзүнө окшогон эки шиши бар кулун желинди сайып эме албаган. Учур келгенде шириге (шиш) алынат да, акыркы ачытылган кымызды элге чакырып берет. Кышта ичүү үчүн кымыздан шири идишке куюп, сактап коёт.
Мына ошол кымызды «шириге жыяр» деп койгон. Музоо, улак эмбес үчүн уй, эчкилерге желин кап жасалган. Кышкы сүр этти жазга-жайга жеткиргенде да «шириге жыяр», же «карала каптын кагынчык» дей турган. Желени агытуудагы акыркы кымызды да «шири жыяр» кымыз деп коюшкан.
Томук жашырмай. Бул – кыргыз элинин салттуулукка эгедер оюндарынын бири. Кыз-келиндер, жигит-уландар үчүнчү бирөөлөрдүн калыстыгы менен ич ара аткара алат.
Т.а., абалы кой-козунун, эчки-улактын томугун тазалап, аны бирөөсү жашырган. Анын жашырганы – томук бир колунда кыпчылып жүрүшү тийиш. Табуу мөөнөтү, жеңүүчү байгеси калыс адамдар тарабынан бычылат. Ал күндөп, апталап, айлап, жылдап да кетет. Алдыртан андып жүрүп, кычаш мезгилдерде учурун таап: «Кана томук» – деп сураганда, ошол жашырган колдон гана дароо: «Мына» – деп, көрсөтө коюшу керек. Антип көрсөтө албаса, томук жашырган адам уттурду болот. Бир жактары мындай салттуу көрүнүштү феодалдык калдык катары карап жүрүшкөн да, тыюу салышкан.
Сармерден. Бул – отуруш куруп отургандардын (шерине, деңгене, жоро, майрам ж.б. оюн-зооктордо) ирээти (катарын бузбай) менен ырдоолору, тамаша куруулары. Сармерденчилердин баарынан эле ырчылыкты, шайырлыкты талап кыла бербеши бышык. Мында отурушту жандандыруу, бири-биринин назарын ала, көпчүлүккө бөлө, анын ички сырын көрө отуруу. Сармерден аркылуу шайырлар тарбияланган. Көңүлдөрүн өстүрүүгө шарттар түзүлгөн. Ынтымакташуу – ырасташуу жаралган. Жаштардын таанышуулары, жар күтүүлөрү пайда болгон. Албетте, сармерден отурушунда кыргыз жаштары арак-шарапка алданбай, жөрөлгөлөрдүн нугун сактап, андан ары өнүктүрүү вазийпалары жаткан. Мында ырдай албай калгандарды тамаша ирээтинде тамак ичирет ж.б. жазаларды беришет. Анда эч кандай таарынуу болбогон. Сармерденде ырдоонун үлгүсү көп.
Булчук алуу – жаштардын тамашалуу оюну. Мисалы, сармерден айтууда, жоро ичүүдө, шерине жеште, шайыр отурууда бирөөлөр айткандарын аткара албаса, бүтүм чыгарып, «булчук» алдырат. Күнөөкөр бир жак жаагын булчуйтуп берет. Аткаруучу аны эки колунун эки элиси менен баса урганда, булчуйган жери «булч» эте түшөт. Отургандар күлүп, тамашалуу оюнга эч ким терикпейт. Отуруш жандана берет.
Чур кармоо («чур» айтуу) – бул чүкө оюнуна таандык салт. Т.а., чүкө ойноп жаткандардын жанына барып, унчукпай туруу. Балдар чүкөлөрүн тигип, мындай чыгары менен «чур-р» деп айтып, тигилген чүкөлөрдү шыпырып алат. Балдар ал адамдын бул аракетине макул болот.
Алиги адам чүкөнү өкчөшү тийиш, айтуулары боюнча бирөө «чик консо, өзүмдүкү», бирөө «бек консо, меники» өңдүү шарттарды коюшат. Эгер чүкөлөр алардын айткандарындай болсо, өз чүкөсүн алат. Болбосо, куру кол калат. Ошентип, «чур-р» кармаган адам оюнга аралашат.
Чокон атуу – ордо атуу оюнунда чүкөсү артык тарап тургандардын бирөөлөрүнө арнап, кан ордого бир чүкө салып, бир оюн аттыруу. Ал чүкөнү канча болсо, атып чыгара берүүгө акылуу. Ал эми ичке түшсө, үч чүкөдөн ашык черттирбейт.
Чокон атуучуга (чокончуга) «жемек» кадатпай, «тоорумак» тоорутпайт. Чокон атуучу ошол оюн бүткүчө катардагы оюнчулардай оюндун жол-жобосун сактайт.
Чокондоп калуу – бир тараптын уттуруп баратышы.
Каргыш – «каргыш тийгир». Бул – бирөөлөргө карата айтылган суук сөз. Каргышка калуу – жашоодогу терс сапат. «Ал каргышка калыптыр», «Ага каргыш тийиптир» деген сөздөрдү көп эле эшитип жүрөбүз. Бирөөнүн отунун алса, «Сөөгүңдү жагып кал!», бирөөнүн тамак-ашын уурдаса, «Таш же, бала-бакыраңдын боорун жеп кал!», бирөөгө колу тийсе, «Мунжу болуп кал!» – деп каргашат. Айтор, каргыштын каары катуу. «Тынымсейиттин арбагы турбайбы», «Манастын» арбагы урсун», «Бугу-сарбагыштын арбагына койдум» ж.б. «Арбак ургур» – бул ата-бабалар менен байланышкан каргыш. Теңирдин, жердин кудуретине карата айтылуучу каргыштар да бар: «Теңир урсун!» Бул – көк урсун, асман урсун дегендик. Айрым эл-жерге бүлүк салгандарды «сазайыңды көр берсин», же «көрүңдө өкүр» – деп коёт.
Демек, каргышка калуу – катуу сөз. «Улуулардын, урматтуулардын, касиеттүүлөрдүн, кайын энелердин, кайын аталардын каргышы ката кетпейт» деген ишеним бар.
Каргыштын жандырмагы кечирим суроо, бирөөлөргө катуу, эсте калаар ыпылас сөз айтпоо, ак жүрүү, алланын амирин тутуу болуп саналат.
Кун (кун алуу, кун доолашуу). Бул – киши колдуу өлгөн адамдын эл-журтунун өлтүргөн адам тарапты доого жыгуусу. Эр өлтүрсө, эр куну дооланган. Ансыз алардын көксөөлөрү суубай, бири-бири менен жоолашууга, чабышууга дейре барышкан. Эр куну төлөө ыгым-чыгымдын эң жогорку чеги болуп, буга урук, уруу бүтүндөй айыпка жыгылган. Аны ортодогу калыстар (бийлер) бычып, ыраазычылыктарын алышкан. (тарыхта бугу-сарбагыштардын чабышында сарбагыштар Төрөгелдинин кунун алыш үчүн Көлдү үч айланып чабууга аракеттенгени айтылат). «Эр өлтүрүп, эриш бузган» деген сөздүн мааниси – эрди эр өлтүрсө, эришти аялдар бузган дегендик. «Эриш бузду» дегени – аялдын эринен чыгыштык кылганы. «Эрдин куну жүз жылкы. Андан ары – миң жылкы».
Бул – айып тартуу, адам колдуу шейит болгон үчүн мал төлөө. Кыргыздар малга кошуп, кыз да берген. Ошондо эки уруу даана элдешкен, ансыз алар «Кандуу моюн» атка кондуруп, ичте кектери сактала берген.
Мунун дагы бир түшүнүгү – «кун тартуу», «кункор болуу». Мындан сырткары, чоң кылмыш – никелүү аялды бузуп алуу, кайындуу кызды ала качуу, бул эриш бузуу болуп саналат. «Кулдары өлсө кунсуз, сатса пулсуз» – деп коюшкан.
Араздашуу. Бул – кандайдыр ынтымак-ырыста жүрүшкөн пенделердин ич ара таарынуу-урунууларынан акырындык менен араларынын ачылып кетүүсү. Бара-бара бири-биринен кол үзүүлөрү. Алардын ортолоруна башка бирөөлөрдүн себепкер болуулары. Жашоо-тиричиликтин мыйзамында тең салмакта тап жылдырбай жүрүүлөрү бар. Ошондой эле нааразылыктар да, кусаматтыктар да, элдешүүлөр да, биротоло кол үзүп кетүүлөр да боло берет.
Алдына түшүү. Бул – кетирген күнөөсүн моюнуна алуусу, «жаңылдым, жаздым, күнөөмдү кечир» деп жипти, камчысын, кемерин ж.б. моюнуна илип, жапа чеккендин маңдайына тизелей-чөгөлөй, колун бооруна алуусу. Өзү менен кошо калыс, сөз билги, таасирдүү адамдарды ээрчите келүүсү. Алдыга түшүүдөгү тарткан айыбын жетелей, айдай баруусу. Мындан сырткары, үстүнө чепкен жабууга, акча-тыйын сунууга болот. «Алыбек алына жараша», «Алын көрүп, канын сор» – деп, ыдык көргөн адам анын ал-ахыбалын билет. Билип, аксактын амирине карайт. Эл алдында кечирет. Алдына түшкөнүнө ал өзү ак дилден ыраазы болот. Эл кечирет. Отургандар арам ой ичтеринде калбоолору үчүн кол алыштырат. Даам сыздырат, бата беришет. Албетте, ичте кек калбоо үчүн алдына түшүү керек. Бул адилдикти, ынтымакты бекемдейт.
Куну жок. Бул – бардар туруп, берекеси качкандар, дасторкону тар, казаны толо кайнабаган (куу казан), кирди-чыктылардын оозун майлай албагандар. Колунан анча бирдеме чыкпаган сараңдыктын бир түрү. Анын үйүнө баратканда «куну жок кудай аткыр эле», андан чыгып баратканда «ушундай куну жок ургур» деп, канааттанбаган кептер да айтылган. Адатта, «куну жок» наркты анча түшүнбөгөндөргө, колунда бар, бирок пейили куушту туура үлөштүрүүбүз керек.
Сооп тилөө. Бул – адамгерчиликтин бир түрү. Бирөөлөрдүн керегине жароо. Бей-бечараларга колдон келишинче каралашуу. Аны нарк билгендик кылып, мүмкүн катарга ала жүрүү. «Элдүү түлкү ачка өлбөйт». Айыл маанектеген жону жукаларга тамак-аш, эгин-тегин берүү. Кийим-кечектеринин эски-ускуларынан чечип кийгизүү. «Кедейлик кемтик эмес» – деп, аны эрөөн-төрөөн көрбөй алуусу, ичүүсү, кийүүсү.
Соопчулук, соопко калуу, сообун алуу, сообун тийгизүү кыргызда абалтан бери келген. Мындан «Биз жармач кезде жардамы тийген, соопко калган. Ушулардын аркасы менен тирденип кеткенбиз…». өңдүү кайтарымдары да болот. Азыр шартка жараша соопчулук, боорукердик жардамды чет-жакалардан алып жатабыз. Мына ошолорду туура үлөштүрүүбүз керек.
Салам айтуу (кол берүү). Кутмандуу элибиздин үрпадатында, салт-санааларында эч бир мыйзамченем аркылуу эмес, атадан-балага калыптанган жөрөлгөлөр боюнча айныксыз чындыкта келе жаткан жакшы белгилердин бири – салам айтуу, кол берүү. Мында улууларды урматтоо, кичүүлөргө ызааттоо наркы бар.
Илгери кутмандуу кыргыз элинде атчан жөөгө абалы салам айтуучу да, улуусуна болсо түшө калып, кол берүүчү. Ал ыраазычылыгын билдирүүчү, ыракматын айтып, алкап да жиберүүчү.
Азыр айрымдар ат үстүнөн салам айтарын айтат. Аты менен омуроолотуп, кол сунат. Жөөчөн андан жалтайлап качып турат. Илгери бала-бакырадан бетер айыл аралап чаап жүрүү жигиттерге, чоң кишилерге абдан эрөөн эле, көйрөңдүктү билгизүүчү. Атчандар уй мүйүз тартып отурган көпчүлүктү көргөндө атынан оолак түшүп, камчысын сүйрөй келип, улуусу отурган жерден оңго карай, анан солдон баштап, ошол биринчи салам берген карыяга кайра кайрылып амандыгын сурап, анан көчүк басуучу.
Жээн аяк. Бул – бодо союлган чоң тойлордо таяке- тайындарына барган жакын жээндери жээн аяк кармоо салты. Өзүнүн жол-жоболору менен барып (акча-тыйын, кийинчерээк кийит), таякелерине түшкөн малды (Чүйдө, Таласта) же атайын чүйлүлөп тартылган табакты ырымы менен той ортолоп, аяктан кармоо шарты. Ал кешикти ошол турган адамдар бирге жешет. «Оомийин, өмүрүң узун болсун!» – деп жээнге бата берилет. Мында жээн аяк карматуучуларга күн мурунтан атайын мал даярдап, табак жасап, бардыгын жол-жобосу менен коёт.
Өзүнүн баркын ич ара көтөргөн таяке-тайындар да бар. «Жээн эл болбойт, желке тон болбойт», «Жээн киргиче, жети бөрү кирсин» (макал). Төркүндөрүнө келген кыздын кадыр-баркын дайыма көтөрөт. Жээнинин таяке-тайындарына эркелеп жүрүү белгисин билдирет.
Элдик мелдештер. Уюткулуу кыргызда мелдеш – тубаса өзүнчө ар-намыс. Ат чабуу, балбан күрөшүү, ордо атуу, эр эңиш, бута (жамбы) атуу, аркан тартуу, тогуз кумалак, упай, жөө жарыш… Мындан башка биз айтпай кеткен сонун-сонун оюн-зооктор элибиздин дөөлөтүн, сөөлөтүн укмуштай арттырат. Андай мелдештерге (жарыштарга) айыл-айыл, урук-урук, уруу-уруу ортосундагы мелдештер кирет. Кийинки чактары район-район, область-область ж.б. республика-мамлекеттер менен ич ара мелдешке чыгуубуз бар. Бул боюнча заманында да таң-тамаша мыкты өткөрүлгөн. Ошол салттар азыр да жанданууда. Бул элжуртубузду, келечек муундарды патриоттуулукка үндөйт.
Мелдеште байгелер коюлган. Аларга төө баштаган бир тогуз, жылкы, уй, топоз, кой-эчки, жамбы (күмүш, алтын) аң терилери, ат жабдыктары, акча, боз үй ж.б. нак турган.
Буларды калыс даекчилер кармап тараткан.
Элдешүү (жарашуу). Бул – чыр-чатакты ырбатпай, ынтымак менен бүтүрүү. Эл ичинде, айыл арасында кек калтырбоо. Илгери-кийин муундарга, эл-журтта, тууган ичинде доо кетирбөө. Адатта, аттуу-баштуу, оозунда сөзү бар, эл тагдырына күйөрмандар элдештирүүдө жол-жоболорун кошо ала барып, уй мүйүз тартып отурушкан. Күнөөнү акыйкатта териштирген, ар бири өз айыбын моюнуна алган. Ортодо арамдык кыл өтпөгөндөй болгон чакта ырасми боюнча кек калбоого даам сыздырып, туз жалатып, нан тиштетип, бири-бирин өбүштүргөн. Жолдугун жасоодо күнөөнү моюнга алган тарап мал, кийит, акча алып барган.
Чоң чатактарды элдештирүүдө таанымал жорголорду, аркалуу аттарды коштоп, кыз берип, куда-сөөк болуп, уруу арасындагы чыр-чатактар андан ары ырбабай тыйылган.
Батасын алуу. Бул – эл ичинде кадыр-барктуу, отуруп-турганы нарктуу, айткандары эм, улуу-кичүүлөргө дем, урмат-сыйы бирдей, жекече касиет жылоологон карыя-байбичелерге атайын жолдук менен баруу. Алардын батасын кабыл алуусу, балалуу болууда (уулдуу болууда), алыс сапарга аттанууда, сапардан аман-эсен кайтууда ойлогон оюна, тилеген максатына ийгиликтүү жетүүсү.
Деле улууларды кыргыздар укмуштай кастарлаган. Чүйгүн тамактар менен даам сыздыруучу. Мында үйүнө чакырып урматтоочу. Мал союп, төрдөн орун берип, кийит кийгизүү аракеттерди да жүргүзүшкөн. Андай бата ыраазычылыкта даам таткандан, ж.б. жол-жоболорун алдын ала кылгандан кийин берилет.
Бата тилеген келин-кесектер абалы жүгүнүп, уулжигиттер улууларга баш ийип, таазим кылышкан. Бата алаарда турушуп, эки колдорун бооруна алышкан. Мисалы, келин-кесектерге: «Оомийин, алдыңды бала, артыңды мал бассын. Алганың менен тең кары. Кудай менин жашымды берсин. Пайгамбар-сабаалар колдосун!» деген мазмундагы баталар берилген.
Кешик түп ичүү. Бул – карылардын ичкен тамак-аштарынын түбү. Илгери кичүүлөрү: «Кешик түбүн ичебиз» – деп, үмүткөр болуп турушкан. Төтөн балдар чоң эне, чоң аталарынын кешик түптөрүн ичишкен. Ичүүгө куштар эле.
Чайга, сүткө, куурма чайга тууралган тамак-даамдын түбүн карылар: «Ме, айланайын, мендей карып жүр», «ме, балам, менин жашымды берсин», «ичип кой балам, ырыс-кешигим сенде калсын» – деп, бирдемеге үмүткөр келин-кесектерине да алкоо аркылуу беришкен. Аттуубаштуу карыялардын, байбичелердин түбүн ичүү жаштарга сыймык көрүнгөн: «Баланчанын кешигин ичтим эле», «Ал мага кешигин берген», «Кешигин ичип, батасы тийди…». Албетте, атайын отуруп, дөөлөттүү, сөөлөттүү, атактуу адамдардын түбүн ичүү – бир чети ал инсанды урматтоо-ызааттоо.
Кийин антип кешик түптү ырыс-даам катары ичүү калган. Айрымдар андан жийиркенишет. Тамак-аштын калдыгын кайра жылытып ичип-жешпей (идиш-аякты мизилдете жалабай), кешикти төгүп салуулар көп.
Ушундан да адамдын ырыс-кешиги кыркылат деген ишеним айтылат.
Энчилөө. Бул – бала-бакыраларга, кыз-кыркындарга, жээн-жергеге, бөлө-бөтөндөргө, катышы барлардын бала- чакаларына мал берүү, ал малдарга өз энин салдыруу, менчигине айландыруу. Ага тайлак, кулун, тай, торпоктана, музоо, кой-козу, эчки-улак өңдүүлөрдү ыроолоо мүнөздүү. Кыргыздар мындай сыпайы алды-бердилерди көбүнчө бала-бакыра ошол үйгө барганда берет. Анын келишин бир чети куттуктоосун, жетине албоосун, эркелетүү маанайын билдирген. Ал аркылуу ата-энесинин кадыр-баркы ого бетер артылган.
Энчи берүү – бул уул үйлөнүп, өзүнчө түндүк көтөрүп, түтүн чыгарууда ата-эненин, ага-туугандын бөлүп берген мал-мүлкү. Мисалы, комдолуу төө, музоолуу уй, кулундуу бээ, он-он беш козулуу кой, улактуу эчки, мингич ат өңдүүлөр берилип келген. «Алыбек алына жараша» дегендей, энчилөө, энчи бөлүү ар бирибиздин байлыгыбызга байланышкан. Азыр жеңил машинасы менен дүр-дүнүйөнү түгөл жүктөп берүүчүлөр да чыкты.
Энчилөө – үйлөнгөн уул-келин өз алдынча турмуштук чабыт алып тирденип кетүүгө карата көрүлгөн чоң өбөлгө.
Калыска түшүү. Бул – ата-бабалардан келе жаткан чыр-чатакты басуу салты. Калыс – данакер адам, калыска түшүү – ошол адамдын сөзүн мыйзам катары кабыл алуу. Ошого карата бүтүм чыгаруу, сөз кунун сыйлоо. Калыс – акыйкат, калыстык – акыйкаттык кылуу, калыс адам – кара кылды как жарган пенде. Калыска түшүрүү – эки адамдан тартып, урук-уруу араларындагы ири талаш-тартыштарды чыгаргандарды топтордо жөнгө салуу. Албетте, кыргыздар адилеттүү сөзгө бат жыгылган. Андайда ажыр-жооптор болуучу эмес. Калыстыкка үчүнчү тараптан өкүл чакырылган.
Ашар. Бул – биргелешип бир жумуштун аягына чыгуу. Мисалы, үй салууда, дубалын көтөрүүдө, кышын куюуда, аны кыноодо, кош айдоодо, чөп чабууда, актоодо, сырдоодо, мал кыркууда элибиздин жапатырмак жардамга келүүсү. Ал эми элдик көркөм өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк согууда, кереге көктөөгө ж.б. чебер адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду, эмеректи бүтүрүү салты. Ал мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун – узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болгон. Алар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар, нускоочу байбичелер, куттуу карыялар үйрөнгүчтөрдө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Ашарга келгендерди үй ээси мал союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мындан ары мындай асыл салттарды өнүктүрүүбүз зарыл.
Саба бузуу. Бул – желе жаңы байлангандан кийинки эл-журтту түгөл чакырып, ууз кымыз берүү салты. Адатта, ага дейре сабадагы кымызды көрөңгөлөтөт. Көрөңгөлөтүү – кымызды жыйноо, ойдогудай ачытуу, ачыган арбын кымыздын үстүнө сүт куюп бышып туруу. Ашыгын чанач, көөкөр өңдүүлөргө куюп чогултуу. Үй ээси саба бузууда кымыздын ысылыгына деп мал союлган. Санжыра чечилген. Ырчы-чоорчулар болуп, тамашалар өткөрүлгөн. Албетте, мындай жайыл дасторкон меймандостукту билдирген жөрөлгөлөр Кыргыз ата тукумунда гана сакталып келишине өзүбүз күбөбүз. Бул нарктуу салтты таштабоо зарыл.
Кыя өтпөө (алдынан кыя өтпөө). Бул – адептүүлүк.
Жолдон чыккан адамынын улуулугун, кадыр-баркын сыйлоо, өзүнүн маданияттуу жүрүш-турушун өзгөлөрдүн арасында сыйлоо, ким экенин туюндуруу. Албетте, илгери мындай адепке көпчүлүк көз салып, отурган жерде: «Ээ, балдарым, улуулардын, урматтуулардын алдынан кыя өтпөгүлө, салам бергиле, өтүп кетмейин токтоп тургула» – деп, бала-бакыраларга айта, үйрөтө отурчу. Ал адам да астыртан баалап, ичи жылып туруучу. «Жакшы атанын баласы», «жакшы эненин таалими» деген сыпаттоолор мына ушундай эле.
Далысын салбоо (далысын тоспоо). Бул – адептүүлүктүн бир түрү. Улуу-кичүүлөргө, же урматтуу адамдарга өз жүзү аркылуу сый көрсөтүү жөрөлгөсү. Далысын салуу, далысын тосуу – жактырбоонун, теңсинбөөнүн белгиси катары каралып, ал адам өзүнүн маданиятсыздыгын баамдатат. «Ал далысын салып отурду», «Түгөнгүр, далысын көрсөтүп отурду», «Далысын тоскон бойдон аттанды» өңдүү сөздөр айтыла турган. Далысын салбоо – кыя өтпөөнүн бир түрү.
Бата жаңыртуу. Бул – кудалардын кайрадан куда болуу жөрөлгөсү. Сыр билги куда-сөөктөрдүн аксакалдары жолдугун жасап, болочок колуктуга батасын берүүсү. Демек, жаңыртып бата кылууда «мурун мындай элек, эскилердин көзү өтүүдө, араларыбыз ачылбасын, жөрөлгө кийинкилерге сакталсын. Ушундан улам жээн-таякелери, карын бөлөлөрү, ата-бабаларынан бери салт-санааны бек сактаган асылкечтери бири-бирине кыз беришип, кыз алышып, андай аракеттер ырыс-ынтымагын өөрчүткөн.
Башын куттуктоо. Бул – алыс сапардан (эл четинен, жоо бетинен) аткөл-аман келгенде, кокустук кырсыктардан аман калганда, оорудан айыкканда, айтор, алтын башы сак-саламат көрүшкөндө ага-туугандары, эже-карындаштары, дос-тамырлары, куда-сөөктөрүнүн ага акчатыйын сунуусу. Мал энчилөө, кийит кийгизүү өңдүү жай айтуу. Жетине албай, сыйлап тосуп алуу салты. Ар адам алына жараша, айрымдар кадыр-баркына карата жакалуу кийит кийгизет. Жоргону, аркалуу атты ээр-токуму менен минип кеткендей алдына тарткан.
Тик карабоо – ийменүү. Бул улууларды, урматтууларды кичүүлөрдүн ызааттоосунун бир белгиси. Алардын көзүнчө ийменип туруусу. Албетте, мындай касиет улуулардын, уяттуу адамдардын жылуу сезиминде калууларына арзыйт. «Ал анын алдында тик карабайт», «уят-сыйытын катып отурат» сымал сын-сыпаттоолор илгери боло турган. Улуулар кичүүлөрдү алдыртан баамдоочу, баалоочу. Же «Капырдын көзүндө огу бар», «Кысыр калган бээдей чакчаңдап», «Кандан-бектен кайра тартпайт», «Ийменип койбойт» дегенди да көп угабыз. Тик карабоо – далысын тоспоо, кыя өтпөө өңдүү салттын бир түрү.
Уят-сыйытты сактоо. Уялуу – уят-сыйытты сактоо, ыйман, адеп. Уяңдык табигый сапат. Ал – жаштардын, т.а., улан-кыздардын сылыктыгын көрсөтүү. «Кыздай жигит», «Жибектей созулган жигит» – мындай сыпаттоолор адамга жакшы ниет калтырат. Мунун тик карабоо, ийменүү өңдүү сапаттардан айырмасы да, окшош жагдайы да бар. Экөө тең улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо белгилерин билдирет. «Капыр, тайманбайт шыпты кашка», «Уулдан уят, кыздан кылык кетти», «Ичке үндүү эркектин кубаты жок, жоон үндүү аялдын уяты жок» (Калыгул). «Бети кызарып койбойт», «Талтаңдап турат», «Уулду тууйт, уятын туубайт, кызды тууйт, кылыгын туубайт» (Макал).
Албетте, сынакөй журтчулук өзүлөрү эле ушинтип калыс бааларын берет. Сын элегинен өткөрүп коюшат.
Өрүлүк. Бул – жакын көчүп келген үй-бүлөнүн жакыналысына карабай, куржун-кечеге тамак-аш (бышкан эт, каймак, май, боорсок, кымыз, бозо ж.б.), айрымдарына кездеме, мал, буюм-тайым (шырдак, туш кийиз, төшөк, кийит ж.б.) алып барып, жаңы конуштагы эшик-төрүн көрүү. Ал үй да жетине албай, бар оокатын аябай, кабыл алуусу. Жандык союп да коёт.
Айрым учурда өрүлүктөп барганга кайра кийим кийгизет. Эшик-төрүн көргөзөт. Сыр билги немелер бирибирин сыйлап турат. Кошуналар ырыстуу тамактарына тең орток. Конок келген үйдүн кадырлуу меймандарынын катарында отурат. Өрүлүктөн таарыныч да, мактаныч да пайда болот. «Жанаша көчүп барсам, беш токоч өрүлүгү болбоду», «Эшик-төрүн көрө элекпиз», «Кошуна-колоңго жок немелер» ж.б. сөздөр айтылат. «Бир чөөгүн чайын бизсиз ичпейт»… Ушундайда алыс-жакындардын аралары ачылып кетүүлөр, же куда күтүүлөр пайда болуп жатат.
Мурда конуш алгандар кийин көчүп келүүчүлөргө, жаңы эл-журт, тууган болгондорго мал жетелеп келүүсү, аны союп коноктоосу же башка колунан келген сыйын көрсөтүүсү, чакырып мал союп, дасторкон белендеп урматтоосу, конок кылуусу. Тоолуктар көчүп-конуудагы, үйлөрүн тигип, малдарын жайлап алуудагы машакаттарда, жаан-чачындарда мурун орун алгандар ошол түйшүктөргө ортоктош кол кабыш кылышкан. Тамактантып, жайлантып, сыйлуу кошуна болорун көрсөткөн. Өрүлүк азыр да короо-жайлуу жана көп кабат үйгө киргенде да көрүлүп жаткан элибиздин мыкты салттарынан болуп саналат.
Ажыраш аяк. Бул – башка жерге көчүп кетүү алдында айылга тамак-аш берип, эл-журттан бата алуу. Ал ар кимдин алына жараша болот. Мында козу союп деле ажыраш аяк берет. «Коюу чайы» да жарай берет. Айрымдар жылкыны баш кылып соёт. Бозо кордолот, кымыз көрөңгөлөнөт. Бозо, кымыз ала келүүчүлөр да бар). «Аш көп болсо, каада көп» – деп шам-шум этүүчү, ардактуу тамактардан үстөл ийилет. Ал бир нече күнгө созулат. Айрым ажыраш аяк даңазага ээ болот. Жүгүй салышат. Кыйышпастан аны жерине жеткирет. Же баланча жерден «коштошту» болду менен кайтышат.
Мындан ынтымак куралат. Дос-тамыр күтүлөт. Илгери-кийин бири-бирине салам беришет. Дайыма айтып жүрүшөт. Келген эли-жерине ыраазычылыктарын билдиришет.
Кара көтөн кармоо – калыстыктын дагы бир түрү. Адамдар бирдемелерди бөлүштүрүүдө ар биринин аттары жазылат да, бөлүнгөн нерселердин (азык-түлүк, кийимкечек, отун-суу ж.б.) үстүнө коюлат. Ар бирин окуп, ошол буюрганын алат.
Экинчи түрү – таяк, чыбык кармоо. Ошондой калыстыкта: «Таяк кармашалы», – дешет. Таякты сунбай окчунураак туруп, тик кармай бири-бирине ыргытат. Ал болжолдуу жеринен тосуп алат. Ошондон өйдө биринин колуна бири тутамдай кармап, кылда учуна кимиси жетип, беркиси кармай албай калса, ошол уткан болот. (Кээде таяк учу эптеп чымчып калма болуп калат, беркиси башка таяк менен уруп кетет. Чымчылган таяк түшүп кетсе, таяк кармоо кайрадан башталат). Мында кол кудайдын мөөрү деген ички мыйзам сакталып турат.
Үчүнчү түрү – бир топ адам бирдемелерди тең үлүштүрсө (бөлүштүрсө), ичинен бирөөнү (же калысты) тескери каратып, экинчи бирөө: «Бул кимге?» – деп сурайт. Ал Асанга, үлүштү ошол алат. Бул кимге?.. Сапайга, анысы алат. Үлүш бүткөнчө сурайт. Тескери турган адам баарын ушинтип нааразылыксыз «бөлүп» таштайт.
Чөп жашыруу, таяк кармоо, үлүш бөлүштүрүү талаа жеринде балдар ышкынга, балыкка, карагатка чыкканда, анан мергенчиликте, мал союп, эгин бөлүп алууда ж.б. жайларда арбын болоор эле. Албетте, андай калыстык элибиздин төптүгүн, тактыгын, чынчылдыгын баамдатат.
Чүчү кулак. Бул – арабөк, элкин, ашыкча турганда кара көтөн кармап бөлүп алуу. Адатта, оюн эки топко бөлүнүп ойнолот. Ошондо бирөөсү оюнчулардан ашып калат. Оюн башчылары мындай чыгып, бармактарын оозго салып, шилекейлеп алиги арабөк балага сунган. Бала кайсы бармакты кармаса, ошондон бирдеме чыкса, ошол топко өнөккө кошулган. Өнөк – бир максатта жаат туруп, ойногон тарап. Өнөктөшү бир. Утуш үчүн бир намысты көздөп ойноо. Мына ушул чүчү кулак карматуу деп аталат.
Кулдугум бар. Бул – ызаат-адеп мамилелердин бири. Адилеттүүлүктү моюнга алуусу. «Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч» дегенди туюндурат. Адатта, бирдемеге жыгылууга, же күнөөлүүлөрдүн ордуна өкүл катары келгендерге мүнөздүү сөз. Мындай нарктуулукту эки элдин ич ара чатактарынан, күйөө кетирген тараптан угууга болот. Мисалы, эки жаш турмуш курууда, келин алган тараптын ыраазылыгын алууда атайы жол-жобосу менен барып түшүп: «Кулдугум бар» – деп, эки колун бооруна алып, эшиктен кечирим сурап кириши салт.
Минткенде нарктуулукту кармап, төрдөн орун берет. Сурашкандан соң «куда болгуча, ал-жайыңды сураш, куда болгон соң кул да болсо сыйлаш»… «Кулдугум бар» деген сөз ушундайча чечилет.
Касам ичүү – убададан тайбоо, ич ара антташуу. Касам – даам, демек антташуу аркылуу (жарма, айран, сүт, бозо ж.б.) ооз тийүү же жутуп жиберүүсү менен шерттешүүгө моюн сунуусу. Айрым аймактарда касам бир нече даамдардын кошундусу. Ошону ичүү менен айтылган сөзгө, берген убадасынын аягына чейин туруусу. «Касам ичкен – ал айныбас, бурулбас болуп калган» деген адилеттүүлүктү түшүндүрөт. Адамдардын туруктуулугун кармоодо актык үчүн туз жалаткан, нан тиштеткен, кара койдун канына колдорун матырып, кылычты өптүргөн, мүрзө тегереткен, суу жуткурган, маркумдардын арбагын айтып каргандырган, сыйынткан. Ак боз бээ союп антташкан, колун кесип кандарын бири-бирине жалаткан. Эл алдына чөгөлөткөн.
КИЙИМ-КЕЧЕК КИЙҮҮ САЛТЫ
Көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү – элдик кийим- кечектер. Бул – улут маданиятынын мерчемдүү көрүнүштөрүнөн. Кыргыздын кийим-кечектери бир беткей үлгүдө көрүнгөнү менен ал адамдардын жаш өзгөчөлүктөрүн тандайт. «Адамдын көркү – чүпүрөк». Адатта, адамдын ажары, ички дүйнөсү менен сырткы келбети өз ара айкалышып турмайын, асылдуулук тууралуу сөздүн болушу мүмкүн эмес. Биз өзүбүзчө улуттук мамлекет болуп турган шартта элдик кийим-кечектерди милдеттүү түрдө кийүүбүз эгемендүүлүктүн асыл тилектеринен болуп калуусу тийиш.
Кыргыздын кийим-кечектери үчкө бөлүнөт: баш кийимдер, сырт жана жеңил кийимдер, бут кийимдер…
АК КАЛПАК – АТА СЫЙМЫГЫ
Карылардын нускоолору боюнча баш кийим, төтөн, калпак жерге жатпайт. Бирөөлөр тепсебейт. Бардык кийимдерден өйдө коюлат. Адатта, төрт бүктөлүп уукка кыстарылган. Атайын текчеде турган. «Атаңдын баш кийимин өйдө алып кой». Же «атаңдын эски калпагын кийип, жыртып кой». Баш кийимдин салдары калгыча жырта кийип, анан жан-жаныбар баспай турган жайга ката турган… Элдик шартта жылаңбаштанып жүрүүчү, отуруучу эмес. Бул – бабалардан келе жаткан тескөөлөр, тарбия-таалим берүүбүздүн негизи.
Негизи ак калпактын эки кулакка төрт талааны тепетең бөлүп, кыюулаган жеринен шара тилик кылган. Себеп дегенде, чекеден күн өтпөс үчүн алдыңкы этегин, арттан күн тийбес, шамал жүрүп, чаң кылбас үчүн арткы этегин түшүрүүгө шартташкан.
Кайда жүрбөйлү, акын Мидин айткандай, мээ сергитип, медер кылып толкуп кетебиз. Ушундан улам калпак кадысы этектүү, бөркү бийик, шиштегей болуп, «бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» дегендей шаңдуу, көрктүү көрүнөт.
Ак калпакты көрүнгөндөр көрүнгөндөй, каалагандай кие берүү анын кадыр-баркын кетирет. Калпактын өзү эле адамдын жаш өзгөчөлүктөрүн аныктаган. Т.а. «мага мына бул калпак жарашат. Бул мага жарашпайт. Улгайганда муну кийүүбүз уятыраак» дешкен. «Алмадай башка алмуруттай ак калпак». Албетте, балдар калпагын кийгенде алмадай баш кудум алмуруттай көрүнгөн. Жигиттер сыйда чырашы бар, төрт талаасы төп келген кызыл, жашыл кыюулары түшкөн калпак кийишкен. Орто жаштагылардын ак калпактарынын эки-үч түрү бар. Этеги, кыюулары кара, күрөң кездемелерден тигилген. Барктуу көрүнгөн. Тебетей кийүүдө да анын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган. Кады тебетейдин кызыл, жашыл, көк тышы жаштарга арналган. Карыялар жайдыр-кыштыр саксак казанбак тебетей кийүү, тышын карадан кылуу салттуулукту, нарктуулукту билдирген. Калпак, тебетей ичинде ичмек топу болгон. Ал кийиз ичин кирден сактаган. Кирдесе ошол ичмек топу гана жуулган.
МАЛАКАЙ
Көбүнчө карыяларга мүнөздүү баш кийим. Ичи түктүү болгондуктан башта жылуулукту сактаган. Ошондуктан, карыялар көбүнчө жатарда кийишкен, малакайчан бастырып да жүрүшкөн.
ШӨКҮЛӨ
Муну кыз төркүнүнөн кийип чыгат. Барган жеринен колукту төркүнүнө кайра узатат. Кийинки сиңдилери кийүү салтын улантат. Шөкүлөнүн жердиги ар кандай. Мында да муну орто жаштагылар атайын сахналарга кийип чыгышып, салттуулугун анча сактабоодо. Албетте, жаш келиндерге бир аз жарашат.
ТОПУ
Бул – жеңил баш кийимдин бир түрү. Жердиги кара кыжымыдан, трайкеден болот. Карыялардын топусу калпак, тебетейдин ичинен кийилип, «ичмек топу» деп аталат. Ал кийимди кирдетпейт. Топу кирдесе, жууп турат. Жердиги ак сурптан, же болотнайдан тигилген карыялардын тепчиме ак топусу такай төрт бүктөлүп, сыртка чыкса сыйда жанында ала жүрүп, сөөлөт катары кийилет.
ТАКЫЯ ТОПУ
Тестиер кыздардын топусу. Жердиги жашыл, кызыл, көк түстөгү кездемелерден болот. Мунун «бүйүрмө топу», «кайырма топу», «макабат топу» өңдүү түрлөрү бар. Баш кийимди тигүүдө, кийүүдө аймактык бөтөнчөлүктөр билинет.
ТЕБЕТЕЙ
Кыргыз элинин баш кийимдеринин негизги үлгүсү. Анын жасалыш ыкмаларында бөтөнчөлүктөрү бар. Ошону менен бирге аймактын айырмачылыктары да көрүнөт. Тебетей кийүү бардыкка таандык. Ал жаш өзгөчөлүктөрдү да аныктайт.
Бөбөктөр, жаш балдар, тестиерлер, уландар кийүүчү кадуусу ичкерээк келет да, тышталган кездемелери аркылуу жаштыкты, күлгүн куракты баамдатып турат. Элүүлөрдү эңиштеп, алтымышты аркалаган адамдардын тебетейлери айырмаланат. Карыялар тебетейди бөрк деп да аташкан. Саксагыраак тармал кара көрпөдөн, сүлөөсүн, түлкү өңдүү аң терилеринен кийишкен. Анын тышы кара кездемелерден келип, ал барктуу көрүнгөн. Ал казанбак тебетей болуп саналат. Суусар тебетей, кара көрпө, сыйда түлкү тебетей орто жаштагыларга ылайыкташкан. Ал кара, күрөң кездемелерден тышталган.
Жигит, мырза тебетейлердин тышы жашыл, көк болгон.
Ошентип, илгеркилер баш кийимдерди барктуу-нарктуу кийишкен.
КЫЗ БАЛАНЫН БАШ КИЙИМИ
Балдарга түлкүнүн бачикисинен, жаш козунун көрпөсүнөн ийленген. Кыз бала секелек кыз (7–9 жаштар), тестиер кыз (10–12 жаштар), беш көкүл кыз (15–17 жаштар) деп үчкө бөлүнөт. Башкача айтканда, секелек кыз топучан кыз, тестиер кыз – такыя үкүлүү топучан кыз, беш көкүл кыз – тебетейчен кыз, аны бийкеч деп атайт, элечекчен кыз – эрге тийген кыз сыяктуу бөлүнүп, кийим кийүү каадалары катуу сакталат. Айрыкча алганда, кыз балдардын баш кийимдеринин мерчемдүүсү тебетей болуп саналат. Баркыт, чий баркыт, тукаба, жибек өңдүү жердиктерден төбөсү шырылып же шырылбай тигилген. Жээгине көбүнчө кундуз, кээде суусар, айрым убактарда шартка жараша жүнү кыска козунун тармал, улактын жылбырска көрпөлөрүнөн да колдонулат. Кийин норка тебетейи басымдуулук кылууда. Тебетейдин төбөсү конус тибинде, жээги ичке томпогой, томолок же жазы тегерек болгон. Ошондо беш көкүл кыздар эки жаагына бештен жаак саамай, артына тегиз жайлашкан он өрүм өрдүрүп (кара далы болуп), тигил тебетейлерди кийип алганда көрктүү, сымбаттуу, өтө татынакай көрүнгөн. Ал эми күйөөгө аттанарда ал чачтарды жандырып, артка эки өрүм кылып өрүшкөн.
Баш кийим кийүү салтында адамдын көңүл кирине, маанайына байланышкан жагдайлар да бар. «Тебетейин баса кийип калыптыр». Бул – кападар болуунун, аза күтүүнүн, бирдемени жоктоонун белгиси. «Калпагын кырданта кийип»… Мунун түшүнүгү эле «Анын көңүл кушу көтөрүңкү, иши оңунда, ооматы келип турат» дегени. Т.а., калпакты, топуну чекеге кийүү, шилиге жылдыруу – көңүлдүн токтугу, бакубаттуулугу. Баш кийимдерди баса кийинип, белди бекем курчанып, эки колду боорго алып отуруу – кейиштүү ишке тушугуусу.
КАРА КИЙҮҮ
Көбүнчө ургаачыларга тиешелүү жорук. «Ал кара кийип калды», демек, ал үйдө маркумду жоктоо. Арийне, элибиз жашоо-тиричиликте жарык-караңгы жагдайды өзүлөрү эле туюндуруп турушкан.
Баш кийимдердин жердигинин эң мыктысы суусар – өтө баалуу аң териси. Албетте, ал мансаптуу мырзалардын башында болгон. «Көк сүлөөсүн бөрк кийген, Көк аладай ат минген», бул – карыялар кийүүгө шарттуу баш кийим.
ЭЛЕЧЕК
Ала-Тообузду символдоштурган ак калпак сыяктуу элдик ардактуу баш кийим. Ургаачылардын (колуктунун, жаш келинчектердин, келиндердин, зайыптардын, улгайгандардын, байбичелердин) сыймыктана кийүүчү, санжыргалуу сезилүүчү ыйык кийими, мунун жасалышында ээк алмасы, жыкмасы, куйрулчугу (куйрукчасы), кыргагы, ичке каты болот. Жаш өзгөчөлүгү, аймактык бөтөнчүлүктөрү, шартка карата жердиги жагынан айырмачылыктары билинет. Колунда барлардын салынган элечектерине шуру бастырылат, кыргагы күмүштөн тартылат. Кездемеси кенен оролот, баалуу келет. Укмуштай суйкайланып, «Алыбек алына жараша» колу тартыштардын элечектери жөнөкөйүрөөк оролушу менен, «Кедейлик кемтик эмес» делип, бул баш кийимди кийүү салты сакталат.
Элечекти күндөлүк жашоо-турмушта такай салынбайт. Айткандай, көч үстүндө, аш-тойлордо куда-сөөк тоскондо, алар менен бир ырахаттуу отурууда, айылчылоодо ж.б. каадалуу жайларга барганда, асемдеп тосуп алуучу чөйрөлөрдө элечек салынуу нарктуу болуп эсептелет. Элечек текчеде күзгү кап менен бир бүтүмдү түзүп, жүктүн эпче тарабында (уул-келин жатуучу жайга) этиет сакталат. Ичине толо жумшак нерселерди салып коёт. Ал кебин бузбайт.
Бул баш кийим кийин жантаслим болгондо маркумдун өзүнө бычылат. Эрине да жумшалат. Арабиялыктар, дербиштер, эшен-молдолор талаа-түздөрдө жүргөндө ак селделери өзүнө даяр кепин болору шексиз. Ошон үчүн элечекти бирөөлөр кийбейт, эч качан башкаларга белекке бербейт. Ыйык, кир кол менен кармагыс баш кийим болуп эсептелет. Элечекти эки адам оройт.
Байбичелер казанбак элечек салынган. Ошондой эле «сурп элечек» (суп элечек) да мүнөздүү болгон. Суп – пахтадан токулган ак кездеме. «Стамбул элечек» – Стамбулдан (Түркиядан) чыккан кездемелер алынган. Төтөн, орто муундагы аялдар каз элечек салынган. Такыя элечек – жаш келиндердин элечеги. Ал – шуру тартма элечек.
КЕПТАКЫЯ
Бул – элечектин ичинен салынган кийим. Моюну талыганда элечегин алып коёт. Жеңил-желпи кептакыясы менен жүрө берет. Аялдар, байбичелер көчкөндө, аш-тойлордо, мааракелерде, айылчылаганда элечегин кийген. Башка убактарда жоолук салынган. Жылуулук үчүн жоолуктун алдында кептакыя кийген. Кептакыянын жаактары, куйрулчугу элечектен чыгып турган.
ЖООЛУК
Аялзатынын баш кийими. Мында кыздар жоолукту артка бууган. Келин болгондон тартып, алдына салынган.
Кыз менен келин ушундан айырмаланган.
Эмне үчүн жоолук салынабыз? «Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн!» Бул – колукту кайын журтунун босогосун аттаары менен алкаган сөз. Ал ак жоолугуңду кир чалбасын, бир жерден орун ал дегенди да түшүндүрөт. Жоолук салынуу мусулманчылыкта ыймандуулукту, адептүүлүктү, уяттуулукту тартуулайт.
СЫРТ ЖАНА ЖЕҢИЛ КИЙИМДЕР
Сырт кийимдер кездемеден да, таардан да, териден да бычылып-тигилип, аларга: ичик, чепкен, чапан, кементай, кемсел, чыптама, кош этек, шым өңдүүлөр кирет.
Чепкен. Бул – баш кийиттердин бири. Муну кыргыздар (карысы, байбичеси, жигиттери, келин-кыздары, балдары) жапырт кийишкен.
Суп чепкен – адими чепкен. «Суп чепкен кийдиң сурак жок, Сурабай эгем койгон жок» (эл сөзү). Ал баарынан барктуу болгон. «Тепме чепкен» кийишкен, койдун күзгү жүнүнөн кармалган. «Пиясы чепкен» өтө жеңил, ийрилип согулат. Адамдар дөөлөтүнө, байлыгына карап – «нооту чепкен», «бөз чепкен», «кымкап чепкен», «барча чепкен», «трайке чепкен», «кыжымы (тукаба) чепкен» кийишкен.
Чапан. Сарпай – чапан. Кыргыздар ичтелип, ичине жүн, кебез салынбай тигилген сырт кийимди чапан деп кийген. «Бачайы чапан», «сатин чапан», «нооту чапан», «мата чапан», «баркут чапан», «трайке чапан» деп, жердигине карата айтылып, жукараак кебезден, жүндөн жалатылып шырылып, чепкенден кыскараак тигилип, кийүүгө жеңил болгон. Жердиги адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата тандалган. Ургаачылардын чапанынын баалуулугу тигилиши жактан айырмаланган.
Ичик. Элдик салттуу сырт кийим, ал кездемелерден тышталат, териден ичтелет. Көрпө ичик – козунун саксагы улгайгандарга ылайыкташат. Кашкулак ичик, бөрү ичик, сүлөөсүн ичик, илбирс ичик (кашкулактын, карышкырдын, илбирстин терилеринен ичтелет) – буларды эркектер, сөөлөттүүлөр кийишет. Жакалары ичине өндөшөт. Аял ичиктердин тышы тукаба, баркыт, кыжымы менен тышталып, көбүнчө түлкү, суур өңдүү аң терилери, козу-улак өңдүүлөрдүн терилери менен ичтелет. Элибиздин каадасалтында ичик кайда болсо баш кийит катары бааланат. Чынында, ичик жасоо кыйын. «Ичик тиккендин ичи ооруйт» деген кеп бар.
Ичиктин кара, күрөң, боз өңдө болушу улгайгандарга таандык. Кыз-келиндерге кызыл, көк, жашыл, күлгүн кездемелер менен тышталган кийим жарашык берет.
ТОН
Карыяларыбызга өңдөлгөн тон, көөлбүп, тармал кара көрпө менен көбөөлөнүп («Жака келсе жайкалат, көбө келсе көйкөлөт»), өтө жарашык ыйгарат. Өңдөлгөн тон – бордолгон тон. Ал аппак келет. Ышкын түпкө боёлгон тон да жаш өзгөчөлүктөрүн ылгап турат. Аны элдин басымдуу көпчүлүгү кийишет. Кийинчерээк уздар башкалардын таасиринде бүйүрмө тонду арбын тигип, ал жаштарга мүнөздүү болуп эсептелет.
«Тон жылуусун ээси билет», «Тогуз катар торкодон, Токту акемдин түгү өттү» деген накыл бар. Тонду жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигип кийүүбүз зарыл. Жоого аттанаарда кийүүчү тонду туулга тон, же чарайна тон деп аташат.
Кементай. Бул – жердиги жүндөн сырт кийим. Кылдап уютулган кийизден жасалып, орто жаштан беркилерге бап келет. Сөөлөттүүлөргө ого бетер жарашат.
Ак олпок – жоодо кийип чыгуучу кементай. Жаштар жака-белдерине, жең учтарына адими кездемелерден көбөөлөтүп, аны кештелеп (саймалап) кийип чыккан. Негедир, азыркы уздар мындай аттуу-баштуу кийимди тигүүгө, аны салттуулукта кийүүгө кызыкпоодо. Албетте, кементай кийүүнү унутпоо керек.
Кемсел. Тышы кездемеден, кыжымыдан, баркыттан ж.б. ичи жука кездеме менен ичтелген бул сырт кийим ичик, чепкен өндүүлөрдүн ичинен кийилген. Улгайыңкы тарткандардын кемсели көбүнчө трайкеден, чий баркыттан болгон, жаштардыкы, кыз-келиндердики, жаш жигиттердики кийимдин жердигинин назиктиги аркылуу айырмаланып, алар көк, кызыл, күлгүн түстөрдү тандап алган. Мындан кийин өңүрүнө, этек-жеңдерине көркөм көчөттөр түшүрүлөт.
Кемселге кемер кур аябай жарашат. «Күмүштөн кемер курчанып, күндөй бетин нур чалып» – деп, акак таш чөгөрүп, «тогуз төбөлөнгөн» курдун тогоосу (калканынын чепкенден чыгып туруусу) адамды ого бетер нурлантып жиберет.
Кыздарга, жаш келиндерге кызыл, жашыл, көк кымкап кемселдер, ага тагылган күмүш топчулар, узун чач, тебетей, такыя элечек эмне деген көрктүүлүктү көрсөтөт.
Шым. Илгеркилерге териден ийленип тигилген кандагай негизги үлгү болгон. Тери шым (чалбар) өңдөлгөн. Ичи түктүү болот. Карыяларга ылайыкташкан. Жаргак шымды кештелеп (кештелүү шым деп аталат), жаштар кийген. Балбандар балбанга түшөрдө теке шым (көбүнчө тоо текенин терисинен) кийгизген. Шымга сөзсүз ычкыр (ич кур) тагылат. Анын эки учуна папик жасалат. «Манаста» «Ырамандын ырчы уул, ычкыры папик кырк муун», – деп сүрөттөлөт.
Ычкыр – (ич кур). Бул шымда, дамбалда курчалат.
Папик – топ чачы. Ал 40 муундан турат. Демек, 40 талы бар папик. «Тебетейи чоктуу уул» – Тебетейде папиктей топ чачысы бар. Ич кур менен тебетейге, калпакка, чачка чолпу ордуна, тегиричке, кылдыроочко ж.б. тагылуучу 40, 50, 60тан турган чыйратылган топ чачыктар кийимдин да, буюмдун да көркүн ачат.
Белдемчи. Ургаачылардын белден ылдый тартылуучу бул кийимдин жердиги адамдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тандалат. Азыр ал таз баркыт, чий баркыт, трайке, нооту, ланпүк кездемелерден тигилип жүрөт. Кыз-келиндерге көк, кызыл, жашыл түстөр ойдогудай ылайык келет.
Жаштардын белдемчилери сөзсүз саймаланат жана шуруланат. Жээгине кундуз бастырылат. Байбичелер тартынуучу белдемчилер жылуулук үчүн, адатта, көбүнчө кебез, кийиз, жүн, жаңы же ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери менен ичтелген.
Баатырлардын жоо кийимдеринин бири катары алды жактан тартылып, жоокерлер казатка аттанганда, ичти сактоо үчүн да белдемчи тартылган. Анын жердиги металлдан, каткан териден (шириден), катуу шырылган калың кийизден, катталган кең булгаарыдан болгон.
Чыптама. Муну кыз-келиндерибиз кош этек менен кийген. Бул – жеңсиз кыска кийим. Анын чермей, өпкө тон, кармооч деген башка да аттары бар. Чыптама кынаптала тигилип, денеге көрк кошуп турат. Көгүчкөн төштөнүп, бели кыпчаланып, этеги жамбашты жая кененделип кетет. Көйнөктүн кош этектери көлбүп, кыз-келиндер кылактай басып, ал өзүнчө ак куудай көрүнөт. Өңүрүнө сайма көчөттөрү түшүп, жердигине көк, кызыл, жашыл, күлгүн түстөрү тандалган.
Бешмант. Кемселдин бир түрү. Аны «беш бел» деп да айтат. Этеги төгүлүп, бели беш жеринен кыналып, тизеден беш эли узун болот. Кийүүчүнүн жаш өзгөчөлүгүнө карай бутта мөкү, башта кептакыя, элечек, же кундуз тебетей, мына ушундай кийген кыз-келиндер менен жүрүм-турумдун ортосунда кандайдыр бир катыш жасайт. Көчөгө, айылга кийилүүчү кийимдер бир жагынан адамдын өзүн улуттук маанайда коңур кармоого, же тескерисинче, шайыр-шаттуу, көңүлүн көтөрүңкү кылууга, сүймөнчүлүктү туудурууга өбөлгө түзөт. Кыз-келиндер узун кош этектүү бешмант кийип баратса, баскан-турганы кадимкидей өзгөрүлүп, кыймыл-аракеттери өзүнөн өзү назиктеле түшөт.
Көк жеке. Бул – эркектердин баалуу, сымбаттуу кийими. Аны чеберлер эл башкаруучуларга атайын арнап ултарышкан.
Ултаруу – биз жогоруда санап кеткен бут кийимдерине узануу-уздануу аракети. Көк жекенин такасы кээде көңдөй жасалып, жылаажын салынып коюлган.
Жасалгалуу өтүктөр, дегеле бут кийимдерди алтын, күмүш чөгөрүп, кооздоо ыкмалары II–VI кылымдарда Борбордук жана Орто Азияда, Жакынкы Чыгыш аймактарында жашаган көчмөндүү элдеринде айрыкча таралганы тарыхтан маалым. «Көк жеке» деп аты калып, өзү унутулган бул өтүк кара малдын терисинен иштетилген. Булгаарыдан жасалып, бүтүндөй кайыш менен тигилген. Көк жекенин үлгүсү менен, албетте, биз тааныш эмеспиз.
Өтүк. Бул азыркы сыйда бут кийим. Муну да илгери сөөлөттүүлөр кийишкен. Кийинчерээк бут кийимдердин ичинен өтүк кененирээк ултарылып, жапырт кийилген. Орто жаштан беркилер, күлгүн курактан аркылар улуттук кийимдер менен бир бүтүмдү түзүп кийүүгө ылайыкташкан өтүктү ултаруучу чеберди «өтүкчү» дейбиз. Мурун кызыл булгаары өтүктү кычырата кийип, күмүш кемерди кара кемселге курчанып, жоргочон, же жакшы ат менен алчактата бастырганда кооздукка кооздук берет.
Маасы. Өкчөсү жок кепич менен кийилүүчү бул бут кийимдин жердиги шабырадан, көндөн болуп, чеберлер адамдын жаш өзгөчөлүктөрүн эске ала ултарган. Кийин бодонун терисин жыдытып, малмага салып, талкууга коюп, андан чыккан кайышты көңгө айландыруучу чеберчиликтери тыптыйпыл жоюлуп кеткени өтө өкүнүчтүү!
Маасынын жердиги заводдон чыккан шабырадан (таманы булгаары) болуп, былбырап анча бышык эместей. Маасыны жаш-кары (жигиттерден башкасы) жапырт кийген. Мында карыя-байбичелердин, улгайгандардын маасысы кара көндөн болуп, өтө жөнөкөй көрүнгөн. Ал көбүнчө кепич менен кийилген. Келин-кыздардын маасысына сайма көчөттөрү «кыялдана» түшүп, ага Азия көлөчү жарашат.
Кепич. Кол булгаарыдан кармалган бүчүсүз бут кийим. Өтүкчүлөр кепич жеңил болсун үчүн такасынын ичин көңдөй кылып да ултарышкан. Жигиттердин жана келин-кыздардын кепичтерине «наар» түшкөн, «чийме сынпоздогон». Муну ултаруучу чеберлер жок. Бут кийимдерин ултаруу үчүн мыкты жердик катары жылкынын тарамыштары чыйратылат.
КЫРГЫЗДАРДЫН МАЛГА КАРАТА МАМИЛЕСИ
Кыргыз эли малды бага билген, баалай билген мал киндиктүү эл. Көчүп-конгон турмуш үчүн ыңгайлуу мал элибиз үчүн негизги байлык болгон. Муну ал-жайды сурашкандагы: «Мал-жан аманбы?» – деп эле малды суроо айгинелеп турбайбы. Себеби жандын амандыгы малдын амандыгына көз каранды. Көчмөндөр үчүн зарыл болгон нерсенин бардыгын – этти да, сүттү да, кийим-кечени да, буюм-тайымды да, отунду да мал берген. Малчылык эң маанилүү кесиптерден болгон. Элде мал боор эт менен бир деп айтылат. Малга карата болгон сый сезимди элдик ырым-жырымдардан, ишенимдерден да байкоого болот.
Кыргыздардын ишеними боюнча айрым буюмдардын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн тилеги, анты болот. Алардын айрымдарынын тилеги жагымдуу, кээ бирлериники адам үчүн зыяндуу деп каралган. Малдын тилеги жакшы деп эсептелген. Себеби алар түн кирип, адамдар уктаганы жатканда: «Түн тынч өтүп, ээбиз эртең менен аман-эсен ойгонуп, бизге жем-чөп салса экен» – деп тилейт имиш.
АК
Элибиз малды тепкен, урган (айрыкча көсөө менен) адамды жаман көрөт, бул жакырчылык чакырчу көрүнүш катары каралган. Мал жаткан короого даарат да ушатпайт. Малдын желини ооруп калат деп, кечинде үйдөн ак (сүт, айран, кымыз ж.б.) чыгарбайт. Түн ичинде түгөйүңө да ак бербе деген сөз бар, дегеле түн ичинде ак сурап барбайт. Эгерде аны чыгаруу зарыл болуп калса, анда акка күйүп турган чычаланын учун сайып өчүрүп туруп, анан чыгарат. Же болбосо акты айды, жылдызды көрүп калбасын үчүн бетин жаап туруп берген. Ак сураган адам ак жип же пахта алып барышы керек дешет, себеби акты ак актайт деген сөз бар. Пахта же жипти бергенде эле үй ээси өзү билип акты бериши керек экен. Акты жерге төккөнгө да тыюу салынган. Байкабай төгүп алган адам акка сөөмөйүн тийгизип, эки ийинине сыйпап койгон. Биздин оюбузча, мындай ырым акты төккөн күнөөм мойнумда дегенди билдирген. Бирөө тебелеп албасын үчүн төгүлгөн сүттү кырып тазалап же үстүнө топурак сээп салган. Акты саткан эмес, кыргыздар сүттү көктүн (көк чөптүн) суусу деп караган.
Сунулган акты сөзсүз алып ооз тийүү, ичүү керек. Көчмөндөр үйүнө келген конокту ак менен тосуп алып, аттанаар аякка да ак куюп узаткан. Бул мейман арам ой менен келген болсо ниети сүттөй агарып, ак көңүлү менен узасын үчүн жасалган. Үйгө кирген жыланды ак чачып чыгаруунун төркүнү да ошондон. Кыргыздарда ак түс ыйык деп саналгандыктан, аны атоодо тергөө сөздөрүн (мисалы, ак атты боз ат, ак итти куу ит деп) пайдаланышкан. Ак түскө карата болгон мындай мамиле сүттүн түсүнөн улам жаралган деп болжолдоого болот. Ал эми сүттү аздектөө баарынан мурун эне сүтү менен байланышкандыгында шек жок. Жарык дүйнөгө келген ар бир адам эң алгач сүт менен азыктанып, сүт менен тирленет. Эң оор күнөө жасагандарга карата «Ак урсун!» же «Ак сүтүм урсун!» деген каргыш айтылганы бекеринен эмес.
КАРЫ ЖИЛИК
Устукандардын ичинен кары жиликке (кар жилик деп да айтат) өзгөчө маани берилген. Азыркы учурда этинин аздыгынан улам арткы планга сүрүлүп калган менен кары жилик өткөн мезгилдерде устукандардын улуусу деп саналган.
Аны жанда алып жүрбөй үйдө сактап, керегеге илип койсо деле алыс, кооптуу сапарда жүргөн адамды сактайт деген ишеним болгон. Кар жилик жаткан үйгө ууру тийбейт дешкен. Жылкычылар кышында кар жиликти тиш тийгизбей тазалап, боз үйдөгү чийдин артына кыстарып коюшкан. Кары жилик жылкы кайтарат деп эсептешип, ууру-бөрү жолобосуна ишенишкен. Жоголгон малды издегенде аны жерге кагып же боз үйдүн жабык башына кыстарышкан. Малы жоголбосун үчүн түн киргенде кар жиликти жаш балдардын жеңине тигип же байлап коюшкан.
Кары жиликтин мындай өзгөчөлүгүн, улуулугун ар кандай малдын төлү туулганда эң биринчи кар жиликтин чыгышы менен түшүндүрүшөт, б.а., ал биринчи жарык көргөндүктөн, устукандардын улуусу, аксакалы болуп калган. Ошол себептүү этти казанга салганда да алгач кар жиликти салат. Аялдар гана кар жиликти чагып, чучугун жей алышкан. Эркектерге, айрыкча тууган-уругу жокторго анткенге мүмкүн болбогон. Кыздар кар жиликтин этин жесе, эрге тийбей калат дешкен. Ушундай көптөгөн маанилерге ээ болгондуктан, аны ыргытпай сакташкан. Кыргыздар кар жиликти чогултса, малдын санынын көбөйүшүнө себепкер болот деп, бирок жек көргөн адамынын короосуна эки кар жиликти таштап койсо, анын малы кырылып калат деп ишенишкен.
МАЛ САТУУ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Кыргыздар илгертен өздөрүнүн негизги байлыгы болгон мал менен соода кылышкан. Малын жайлоодон базарга айдап келип, пулдап, зарыл нерселерин алып турушкан.
Короосундагы малынын куту деп эсептелген, асылы болгон эң мыктыларын эч качан саткан эмес. Дегеле малдын көзүнчө сатамын же соёмун деп угуза айтпоо керек экен. Аны уккан мал санаа тартып, арыктай берет делет. Сатамын деп угуза айтып койгон малды кур дегенде бир жетелеп түшүп, мал базардын чуусун угузуп койгон ырымы бар, ошентсе гана этинен түшпөй калат дейт. Сата турган малы короодон чыгып бара жатып тезек таштаса, урук таштап кетти деп жакшылыкка жоруган.
Кут, ырыскы кетпесин деп атайылап жүнүнөн кыркып же жулуп калат, шилекейин акырынын четине сыйпап да коёт. Мал базарга айдаарда сатчу малын аарынын уюгун күйгүзүп ысырыктап, кардарлар аарыдай жабалактап талашсын деп ырымдайт. Уюкту жедирип койгон варианты да бар.
Базарда биринчи айтылган баа анык баа болот, андан кийин баа көтөрүлбөйт деп коюшат. Мал сатып жаткан адам ырым сактап, кардарга эч нерсесин бербеген. Алсак, кардар сатып алып жаткан малын ары-бери айдап көрүүнү шылтоолоп мал ээсинин колундагы таягын, же тамеки, ширеңке сыяктуу нерселерди сурап, аны билбей же байкабай берип койсо, малдын багы байланып калып, арзан сатылат деген ишеним сакталган. Ошондуктан мал ээси кардар бир нерсесин сураса катуу кагып да салат. Мал сатканда эч убакта байлаган жибин кошо сатпайт, аны менен кошо малдын куту, ырыскы кетип калат деп ишенет.
МАЛ КҮТҮҮ, САНЫН КӨБӨЙТҮҮ
Ар бир үй-бүлө белгилүү өлчөмдө мал күтүп, анын санын көбөйтүүгө аракеттенген. Үй ээси болгон атанын балдарына мал энчилеп берүүсүнүн себеби ошондон. Жарды адамдарды «адалдан түгү жок», «эшигинде үрүп чыгар ити жок», «куу казык» деп кемсинтишкен. Малы жок адам касиеттүү, ыйык деп саналган жерде өскөн дарактан казык жасап келип короосуна какса, малдуу болот деген ишеним бар. Мал байланган казыкты ишенимдер, тыйымдар элибиздин малды баалай-барктай билгенин «Мал арыгын асырасаң ооз майлайт, адам арыгын асырасаң ооз кандайт» деген макал көрсөтүп турат. Короодогу малы төлдөгөн учурда көзүгүп калат деп ырым кылып, жат адамды киргизген эмес. Туут мезгилинде сурап келгендерге үйдөгү буюмду берген эмес, тырмак алган эмес, үстүндөгү кир кийимин да чечип алмаштырбаган. Тубаса майып же бир мүчөсү ашыкча туулса жакшылыкка жоруп, аны чоңойтуп союп, үй-бүлөсү менен чогуу жеп алган.
Байыркы замандан эле кыргыздар жердин, суунун, тоонун, кыскасы, табияттын түрлөрүнүн бардыгынын ээси бар деп ишенишкен. Ошондуктан жайлоого көчүп барып конгондо жер-сууну тайыган; жердин, суунун ээсине арнап мал сойгон, малдын колдоочусу, ээси бар деп түшүнгөн. Элде төөнүн пири – Ойсул ата, жылкынын пири – Камбар ата, уйдун пири – Заңги баба (Заңги ата, Үзөнгү баба), топоздун пири – Ак мүйүз, койдун пири – Чолпон ата, эчкинин пири – Чычаң ата (Шыйпаң ата) деп айтылат.
МАЛГА КАРАТА АТАЛЫШТАР
Кыргыздар малды төрт түлүк, сейрек учурда беш түлүк деп атап коюшат. Төрт түлүккө төө, жылкы, уй, кой-эчки кирет. Беш түлүк дегенде кой-эчкинин ар бири өзүнчө түлүккө бөлүнүп кетет.
ТӨӨ
Төрт түлүк малдын башы төө болот. Ошол себептүү калың бергенде же айып, кун төлөгөндө төө баштаган тогуз (же төрт тогуз) деп белгилешкен. Аска-зоолуу бийик тоолордун арасында жашаган кыргыздар төөнү аз урунган. Төө кырк күнгө чейин суу ичпей чыдай алат, бирок сууга жеткенден соң бир нече чака ичип, суусунун кандырат.
Кыргыздар төөнү көчтүн көркүн чыгаруу үчүн, көчкө сөөлөт берүү үчүн атайын баккан. Колунда барлар кызынын кийими, ээр-токуму, башка жасалгалары гана эмес, кыздын көчкөндө жетелеп жүргөн теөсүн да жасалгалаган. Төөнү башынан тартып мойнуна чейин атайы жасалгалуу жабуу менен кооздогон, мойнуна төө мойнок таккан. Көчкөндө жүктү калы килем менен жапкан, үстүнө каркыранын куйругун сайган. Кыздын жасалгалуу төөсүн айдоо, ооган жүгүн түзөтүү үчүн атайы адам койгон. Кыз төөнү жетелеп гана жүрчү. Төө көчкө сөөлөт берген, ал бардык айылда эле боло берген эмес. Жоокерчилик заманда төөнү аскердин жүгүн артуу үчүн асыраган. Төөнүн күлүгү желмаян деп аталат, аны бабаларыбыз жоого да минген. Желмаяндын желиши күлүк аттын ылдамдыгынан кем калбайт, канча жүк артса көтөрө берген. Төөнү атайылап союп жеген эмес, «Төө көп болуп, конокко сойбойт» деген макал бар. Аны өзгөчө маанилүү учурларда гана: кан көтөргөндө, чогулуп түлөө өткөргөндө, Меккеден келгенде сойгон. Кокустан казыкка жатып, ичи жарылып өлсө, этимайынын молдугу менен баарын жыргаткан. Этин да бир айылга бүт үлөштүргөн. Мына ошондуктан молчулукту, берекени билдирген «ак төөнүн карды жарылуу» деген накыл сөз жаралган.
Кыргыздар төөсү тууганда жентек берген. Дегеле төө тууганда аткарылчу ырым-жырымдар бала төрөлгөндөгүгө окшоп кетет. Тууган төөнүн башына ак жоолук салып, кээде кулагына сөйкө салып да коёт. Малдын ичинен төөнү гана «төрөдү» деп сүйүнчүлөйт. Ботосу өлгөн төө кадимки адам сыяктуу:
Жардын башын кыдыртып, Ээрчитпедим ботойду. Талдын башын сыдыртып, Ойнотподум ботойду.
Эки эмчегим тирсийтип,
Эмизбедим ботойду –деп боздоп ыйлайт экенине ишенишкен. «Ботосу өлгөндөй боздоп» деген салыштыруу ошондон жаралган. Төөнүн мындай баласаак экендиги анын ботосун боюнда он эки ай көтөргөндүгү менен түшүндүрүлгөн. Тууганда атайы кой союп, бото торолгуча сүткө май сапырып, упчу менен асыраган. «Төө баласы – төрө баласы» деген макал ботого карата мамиледен чыккан. Кыргыздардын төөнүн этин бир жылда бир жолудан ашык жебеш керек деген чектөөсү анын бир кезде адам болгондугу тууралуу ишенимден улам болсо, боюнда бар келиндерге тыюу салынышы төөнүн ботосун боюнда он эки ай көтөргөндүгү менен байланыштуу.
Төөнүн этин жесе, төөгө окшоп баласын боюнда он эки ай көтөрөт деп ырымдап берген эмес, күйөөсү экөө тең жесе зыяны жок дешкен. Ошондуктан күйөөсү колуктусу кош бойлуу кезде бир жерден төөнүн этин ооз тийип калса, бир кесим болсо да үйгө ала келген. Ар кандай себептерден улам өз мөөнөтүндө төрөбөй, айынан ашып кеткен мезгилдерде кош бойлууну ырымдап, төөнүн алдынан өткөрүшкөн.
Төөнүн жүнүнө да өзгөчө касиеттер ыйгарылган. Аны тумар катары пайдаланышып, ниети жамандын дубасын, көзү жамандын сугун өткөрбөйт деп ишенишкен. Ал тургай төөнүн чуудасынан кийим токуп кийишкен, мындай кийим адамдагы ар кандай ооруну соруп алат, тазалайт деп артыкча баалашкан. Бирок төөнүн чуудасынан жасалган кийимди жаш балага кийгизген эмес, анткени жаш бала аны көтөрө албайт дешкен. Анткен менен эмчилер балдардын жамажайы агарып, сыйрылып ооруганда (мындай ооруну чарбын деп аташкан) төөнүн чуудасына эчкинин майын кошуп сүйкөсө, кол менен алгандай тез айыгат деп ынанышкан.
Кыргыз бакшыларынын көпчүлүгү өзүнүн колдоочу пирин ак тайлак деп айтышкан. Айрым касиеттүү булактардын ээси да ак тайлак деп саналган, мындай мазарларга түнөгөн адамдар таң атканча уктабай, келме келтирип чыгышкан. Аны көргөн же кур дегенде үнүн уккан адамдын тилеги кабыл болот деп эсептешкен. Ош шаарын ортосунан бөлүп аккан дарыянын Ак-Буура аталышы да кыргыздардын ошол байыркы ишенимдеринен деп ойлоого болот.
ЖЫЛКЫ
Малдын ичинен айрыкча жылкы жогору бааланган. Өткөн мезгилдерде кыргыздардын бүт өмүрү жылкы менен байланыштуу болгон. Балдар үч-төрт жашында ат жалын тартып минген, кээде басуудан мурун атка мингенди үйрөнгөн. Кыргыздарда айырмач деп аталган балдарга ылайыкталган ээрдин атайын түрү болгон, мындай ээр балдарга атчан жүрүүгө, өз алдынча үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ээрге мингенден кийинки бүт өмүрүн ат үстүндө өткөргөн. Айрым учурларда ат үстүндө жан берген. Жылкынын күчүн пайдаланган, сүтүн кымыз кылып ичкен, этин артык көрүп жеген. Жоого атчан аттанган, кууса жеткен, качса кутулган. Коогалуу учурларда мыкты аттарды этияттап, боз үйдүн ичинде баккан. Жылкыны малдын асылы деп бапестеген, ал тургай катын-баласынан да артык көргөн. Айрым салттарыбыз менен сөздөрүбүздөн бабаларыбыздын жылкыны адам менен барабар караганга чейин кастарлаганын байкоого болот.
МАРКУМДУН ЗЫЙНАТЫ
КАБАР АЙТТЫРУУ
Маркумга топурак салууга кабар айттырат. Кабар жеткирүү – ыйык парз. Адатта, шашылыш жөнөп, өз учурунда барып угузуу жоопкерчилиги жогору турат. Ушунун өзү топурак салдырууга кылган далалат маркумдун кадыр-баркын арттырат.
Кабар айттыруудан ар кандай сөздөр жүрөт. «Мага кабар келген жок», «Мени илик албады, кабар барбады», «Кабар калпыс айтылып калыптыр», тескерисинче, «Кабар айттырсак келбеди», «Бир ууч топурагын аяшты», «Кабар каттаган адамдан айттырыптыр». Акыйкатта, өлүктүн өз зыйнаты үчүн кабар так, даана келүүчүдөй, жүз көрсөтүп калуучудай болушу керек. Ушундан улам «Ал мага кабар айттырган эмес, мен да кабар айттырган жокмун», «Ал келбесе, мен барат белем» өңдүү ич ара кадимкидей атаандашуулар, соодалашуулар да бар.
Мында, биринчиден, маркумдун жакындарына кабар айттырууда оролун таап, акырын сыпаа-сылык угузуу зарыл. Экинчиден, айыл үстүнө кабар айттыруу, анда айылда бир эстүү-баштууларына гана билдирет. Алар шартына жараша топтолуп алып барышат. Үчүнчүдөн, айыл аксакалдарына атайын кабар беришет.
УГУЗУУ
Бул – жамандык кабарды өзүнүн жөрөлгөсү менен бир топ адамдар топтошуп, билдирбей келип айтуу. Адатта, айрым көз караштардан да, түштөн да, айыл ичинин жүрүш-турушунан да жүрөк сезген учурлары бар.
Угузуу элибиздин эчактан келе жаткан салттуу көрүнүштөрүнөн аталгандыктан, мунун да алгылыктуу жагдайларын эл ойлоп тапкан. Комуздун муңдуу күүсү аркылуу да туюндурган. Ыр менен угузуу анын аброюн ого бетер көтөргөн. Мындайда угузууну да аттуу-баштуу адамдарга тапшырган. Ал кеп төркүнүн тогоп келип айткан.
ЖОКТОО
Бул – урматтуу адамынын көзү өткөндө анын мыкты сапаттарын, атуулдук ордун ыр же кошок түрүндө эскерүү. Адатта, аттан түшпөй, көпкө ал тууралуу арманын айтуу.
Жоктоо – мурунку сын-сыпаттарынын баарын сүрөттөп берүү. Арийне, жакшынын көзү өтсө, минтип жан тердеп келип, карайлап жоктоо – ата салты. Анын мааниси, чоожайы терең…
КАЙРАТ АЙТУУ
Бул – башына күн түшүп, аза күтүп, казасы кара жутуп турган адамдын көңүлүн жубатуу. Салыштырмалуу санжыралуу сөз – кеп, накыл, насаат аркылуу ага дем берүү. Бир келип-кетүүчү жарык жана жалган дүйнөдөгү болмуштарды ырааттуу, ишенимдүү айтуу менен тигиге күч-кубат берүү… Парбардигерге тобо келтирүү. «Кайрат кыл, кайраттуу, эстүү жан элең» (Ажалы жетип өлбөсө, адамзат жерге батабы» (Токтогул). «Өлгөндүн артынан кошо өлбөйт» сымал жылуу сөздөр андай адамды жубаткан. Мурунку күндөлүк тиричиликти улантууга түрткү болгон. Күйпүл турмушка аралашкандан кийин бара-бара кайгы-муң сууйт. Мындай адамгерчилик, боорукердик жагдайларыбыз элибиздин ынтымагын ырастайт. Азыр да кайрат айтуучулук, муңайымдуулук жөрөлгөлөрүбүз бар. Кирди-чыкты анын кайгы-капасын тең бөлүшүүгө ниетибизди беребиз. Кээде: «Кайрат айтууга жарабады» деген таарыныч да пайда болот. Илгери кайратты айыл эстүүлөрү, сөз билгилери, кадырлуулары, катыш кудасөөктөрү кеп оролун келтире, ийине жеткире айткан.
АЗА КҮТҮҮ
Өлүктөгү аза – бул оор жоготууда адамзаттын, айбанаттын катуу кайгырууга учуроосу. Мында кыйбас адамынан ажыроодогу ички дүйнөсүнө бүлүк салган учуру. Ушунун кесепетинен бушайман болуп, бүк түшүп калуусу. Тамакка ж.б. табити тартпоосу, бечара абалына келүүсү. Эч жан менен сүйлөшпөй, белди бекем курчанып, тебетейди баса кийип, өзүнчө оор абалга чалынуусу. Баамдоолордо ит да, төө да, ат да ушундай учурга тушугат имиш. Ээси өлсө, иттин каңгып кетүүсүн, ботосу өлсө төөнүн боздоп туруусун аза күтүүгө, катуу кайгырууга жорушкан…
Мындай абалдан чыгуунун жандырмагы кайрат айтуу, акыл айтуу, аны айланчыктап камкордук көрүү, ой-санаасын тең бөлүшүү болуп саналат.
МАРКУМДУ КОЮУГА КАТЫШУУ
Маркумду коюуга катышуу, аны менен коштошууга атайын баруу – тирүүчүлүктүн парзы. Бул сооп тилөө, көңүлүн алуу. Эркектер өкүрүп барып түшөт. Аялдар үйгө кирээри менен атайын үн чыгарат. Маркумдү кошот.
Кошок – өлүү сыйы.
Мында, биринчиден, таза жуунуп, жакшынакай кийинип баруусу, экинчиден, мүмкүн катар жаназага турууга даярданып баруусу тийиш. Үчүнчүдөн, арак-шарап ичпей, акарат сөз сүйлөбөй баруусу абзел. Төртүнчүдөн, маркумдун жакшы сапаттарын, элге жаккан жактарын эскере берүүсү тийиш.
МАРКУМДУН ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЖАЙЫ
Бул – маркумдун түбөлүктүү жата турган үйү. Ага карата көрүлгөн бардык зыйнаттардын ичинен баа жеткис камкордуктардын башкысы – көрдү терең, кенен казып, ак кепиндеп, аруу жууп көөмп коюу. Буга мусулман пендеси ынтызар. Адам жан таслим берээри менен анын көрүн (мүрзөсүн) казуучулар дайындалат. Ал – соопчулуктун жеткен жери.
Көр казуучулар куралдарын алып, көрүстөнгө барышат. Абалы, жалпы арбактарга атап куран окушат, анан ылайыктуу жерди тандашат. Буга өлүк ээси сөзсүз катышат. Жакындарынын жанынан орун берүү парзы бар. Анын төрт чарчы чарасын болжолдоо, метрдей (бир кездей) казып, анан күн батыш тараптан тегерек тарта казанак оюлат да, ошол боюнан өңүп, ичи үңкүрчөлөнөт. Маркумду эки адам алып кирип, ичи кенен тегеренгендей болот.
Мүрзөнү терең каздыруу – өлүк ээсинин талабы. Анын айтканындай казуу – мүрзөчүлөрдүн милдети. Бардык аракеттердин максаты соопчулукка барып такалат. «Сооп табуу», «Сообуна калуу», Соопчулук бул – мусулманчылыктын сапаты. Ушуга байланыштуу анжыяндык кыргыздардын көпчүлүк жерлеринде, айрым мусулман өлкөлөрүндө мүрзөнү топтошуп, шарт коюшуп бекер казышат. Албетте, маркумдун түбөлүктүү жайы болгондуктан, ага акы төлөө, оор шартта көр казууда маңдай терди баалоо керек. Бул эң эле оор түйшүк экенин унутпай, төтөн, аркалык кыргыздар мындан эчтекелерин аяшпайт, көр казгандарды ыраазы кылышат. Ал тууралуу ар кандай сөздөр айтылат.
Чоң бай-манап, бийлердин, баатырлардын жана башка атактуулардын жайын казууда айырмалар болгон. Алар үчүн жер үй даярдалган. Маркумдун жата турган жайынын бийиктиги түндүк бакандын боюндай болгон. Ортодо туруп, түндүк баканды тегереткенде дубалына тийген.
Дубалын эчки, топоздун кылтагын кошуп шыбаган.
Көрдүн экинчи түрү – жарма көр. Мында талаа-түздөрдө, жоокерчиликте, шашылыш шарттарда, көрдүн чарасын тереңирээк казып, батыш жаккы ыптасын сөөк баткандай өңүп, ошого коё турган. Кийинки кездерде көпчүлүк техниканын жардамы менен төтөн, шаардыктар так ушундай көр казууну адатка айлантууда. А чынында, кол менен казуу маркумдун сообуна калуу, сооп табуу болуп саналат.
МАРКУМГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БЕРҮҮ
Бул – маркумду түбөлүк жатуучу жайына алып чыгаарда, жаназа окуурда анын аласа-бересесин тактоосу жана ага элдин ыраазычылыгын алуусу. Анын жакыны бетме-бет карап: «Аласасы болсо менден алгыла, бересеси болсо мага бергиле?» – деп, үч курдай айтат. Ошондо маркумдун аласа-бересеси такталат.
Адатта (айрым жерлерде ар башка болуу ыктымал), алып чыгаары менен: «Баланча кандай адам эле?» деген суроо үч курдай берилет. «Жакшы адам эле», «Момун адам эле», «Элдик адам эле», «Жоомарт адам эле» сымал жооптор угулат.
Кыргыз ата өлүктү жаман деп айтпаган. Аны урматтап коюу – тирүүлөрдүн вазийпасы. Кээде гана: «Жер жамандап барбасын» – деп, кичине акарат айтуулар боло коёт. Ал пендечилик эмеспи.
ҮН ЧЫГАРУУ
Бул – дүйнөдөн кайткан адамдын үйүнө кыргыздардын өкүрүп аттан түшүү зыйнаты. Бала-бакыраларынын эртели-кеч маркумду эскерип жоктоо, кошок кошуп туруу салты. Өлүк үчүн чыккан үйгө назар таштоо вазийпасы, жүз көрсөтүү. Дасторкон көтөрүп, куран окутуп келүүдө аялдардын да үйдөгүлөрү менен кошулуп жоктоолору. Айрым учурларда мындан өлүк коюлгандан кийинки мезгилдерде «Өкүрбөй келип түштү», «Оо-о – деп үн катып койбойт, андан бирдеме болобу?» өңдүү таарынычтар да пайда болгон. Албетте, тирүү пенделер мындай уяткарып коюулардан сырткары болуулары тийиш.
МАРКУМГА ТОПУРАК САЛУУ
Маркумга топурак салуу үчүн көрүстөнгө багыт алууда бул жарык жана жалган дүйнөдөн көчүп бараткан адамдын соопчулугу башкы максат болот. Албетте, ара жолдо баратканда анын кыял-жоруктары, жекече сапаттары, иштери ж.б. жолдошторунун эсине түшөт. Өлүк ээси ошончо адамдардын келишине топурак салышына жетине албайт.
Маркумду жайына коюп, ички жол-жоболорун жасаган соң, ар бир адам колуна топурак кочуштап, оозуна алып барып «сообу тийсин» деп багыштайт да, сунган күрөккө салышат. Ошол бир ууч топурак үчүн пенделер алыс-жакындан атайын барышат. Ал маркумдун тегерек-четине чачылат. Баары топурак салгандан кийин, казанак оозу бекитилет. Топурак салууда:
Биринчиден, ошентип ар кимдин эндей топурагы төгүлөт. Экинчиден, бирөөлөрдүн «мен үчүн топурак салып кой» деген аманаттары аткарылат. Үчүнчүдөн, маркумдун жаткан жайына далил ташы чачылат. Төртүнчүдөн, эгер ал молдо болсо, өзүнүн керээзи менен куран китеби башына коюлат. Бешинчиден, маркумга милдеттүү топуракты салгандан соң, баргандар көрүстөн аралап, башкаларга бата тилеп кетпөө керек. Бардык дит ошол маркумдун тегерегинде болуу зарыл.
МАРКУМГА МАЛ СОЮУ
Маркумду урматтоонун эң башкы зыйнаты – ага атап мал союу. Ал кыргыз-казактарда катуу салтка айланган. Эгер шарияттын кан жолун катуу тутуучу жерлерде, тескерисинче, ошол өлүк чыккан үйдө үч күн эчтекенин жыты искелбей томсоруп, аза күткөндөй болуп турушу шарт. Маркумдун күйөрмандарына, жакындарына тамакашты башка үйлөрдөн даярдап берип турат. Кара кийинип (айрым аймактарда, анжыяндык кыргыздар көк кийинип) каза жутуп жаткандар үчүн чыныгы күтүү мына ушундай болуп саналат. Тоо-ташты аркалаган кыргыздарда (аркалык кыргыздарда) өлүк канча күн жатса, ошончо күн конокторун коноктой берүү ырасмиси денелерине жедеп орноп бүткөн. Бул алымдуу жөрөлгөгө айланып калган.
Маркум жан таслим болгон күнү анын коногуна деп, бир кой соёт. Ал ошол күнгө өлүккө катышкан өз жергежээктерине, кирди-чыктыларга тартылат. Кыргыздарда жылкы союуну алымдуу карайт. Маркумга малды арбын союу кошумчанын түшүшүнө да байланышкан. Кыргыздар куда-сөөктүү, дос-тамырлуу, бардар, ражалуу эл келет. Алар мал жетелеп, акча-тыйын, дүнүйө менен келип түшүшөт. «Өлүктүн өз ырыскысы бар» – дешип, аны чыгымдоодон кайра тартышпайт.
МАРКУМДАРДЫ УРМАТТОО
Бул – абалтан берки салт. Эстеликтер, коргондор, күмбөздөр бара-бара тарыхый мурастарга, керээздерге айланат. Алар ыйык тутулат. Чыгыш элдеринин расмисинде коргондор, күмбөздөр, түбөлүктүү эстелик катары падышаларга, хандарга, болуш-бийлерге, бай-манаптарга, башкача айтканда, баатырларга, эл билермандарына, журт мыктыларына гана жалпы элдин демилгелери, чачылган чыгымдары менен салынган.
Ошол көрүстөндөр маркумдардын түбөлүктүү жайы катары тирүүлөр тарабынан таазим этүүгө, куран окуй өтүүгө ылаажы болгон. Көрүстөндү, күмбөздү, коргонду эш туруп, маанектей барып жатуу тирүүлөрдүн салты болгон. Көрүстөндү, күмбөздү, коргонду карап даарат албоо, заара ушатпоо, «жер жамандап барбасын» деп, көзү өткөндөр тууралуу акаарат сөздөрдү айтпоо тирүүлөрдүн вазийпасы, адеби, ыйманы болуп саналат.
СӨӨК ЖУУДУРУУ (СӨӨК ЖУУГА КИРҮҮ)
Бул – маркумду көргө коёрдун алдында денесин тазартуу. Албетте, өлүктү урматтоо ырасмиси илгертен эле кыргыз элинде бар. Сөөк жууга абалы куда-сөөктөрү, дос-тамырлары, анан анын теңтуштары кирген. Маркумду «Ак кепиндеп, аруу жууп» акыретке узатуу милдети турат. Алардын кандай жуурун, кай тараптан баштарын, имам же молдоке айтып, жол-жоболорун көрсөтүп көзөмөлдөйт. Жуугандарга маркумдун кийимдери ылайыкташа бөлүнүп берилет. Албетге, эң эле адими кийимдери куда-сөөктөрүнө, кыз-кыркындарына, кыйбас дос-тамырларына берилет. Мында ичик, чепкен, кементай, зер асем нускалары, кийинкилерине калтыруучу табериктери ж.б.анын баш кийимдери, барктуу буюмдары болуп саналат.
Улуу шарияттын жолунда соопчулук өзү биринчи орунда турат. Маркумдун кийип жүргөн кийим-кечектери өтөт. Анын эски-жаңысына карабай бөлүштүрүп берүү – парз. Анан өзүнүн өлүмтүгүнө сактаган буюмдары да болот. «Пайгамбар барга назир, жокко кайыл» – деп, куран окуп, айрымдарын жууп кийип жүрүүсү зарыл. Жуучуга бериш үчүн айрымдар жаңы кийимдерин үстүнө ырым үчүн бир салып, катып коюшкан. Акыйкатта биринчи милдет – түбөлүк жатуучу үйүн казуу, анан маркумду аруу жууп, ак кепиндеп коюу башкы сооптордон болуп саналат.
МАРКУМГА ТОПУРАК САЛУУГА БАРГАНДА
Мусулманчылыкта – атайын кабар айтылган соң, ал жакынбы, алыспы, туугандык жайы кандай, ага карабай барып топурак салуу парзы жогору турат. Ошол жерден башка тарапка бурулбай, кайра кайтуу салты сакталган. Тактап айтканда, өлүк өлгөн жерден ооруларды барып көргөнгө, ал-ахыбалын суроого, «баланчага топурак салганы келдим эле» деп, ооруп жатканга айтууга болбойт. Ага ал сөз катуу тиет. Мындай шартта башка жерлерге барып, мейман-конок болуу да олдоксон көрүнөт. Ошондуктан түшкөн жерине кайра шарт аттанып, артын карабай түз кетүү адеби, ыйманы Кыргыз атада мыкты сакталган.
МАРКУМДУН ДООРАНЫ – ЖАНАЗАСЫ
Бул – маркумдун артындагы ар кандай вазийпаларды молдолордун аткаруусу. Анын күнөөлөрүн, адалдыктарын, арамдыктарын өз моюнуна алып, куран-далил ташып түшүрүүлөрү. Мындайча айтканда, маркумдун түбөлүк жайында тынч жатуусу үчүн ага тирүүлөрдүн көрсөткөн зыйнаты. Демек, бир түрү, жаназа окуур алдында шарт боюнча жаназа-дооранга катышкан, маркумдун милдетин алган молдого акча, кездеме коёт. Минген атына өз ээрин токуп, канжыгасына жайнамазын, самоорун, аркан-кабын байлап, өлүк жаткан табыпка баштантып туруусу, жаназа окуганга аны мингизүүсү. Маркумдун карызы, ошол молдо аркылуу өлүк ээси өлүктүн милдетинен кутулуусу. Дооранын түшүргөн молдо мындай ыйык сооп кылуу үчүн жан алакетке түшө күндүр-түндүр ылайыктуу сүрөөлөрдү ыраатка келтирип, «Сомолдияр», «Касыйда» окуп чыгуусу.
ЖЫРТЫШ АЙЫРУУ
Бул – маркумга карата көрсөтүлүүчү зыйнаттардын бири. Жыртыш – кездемени жыртып (айрып) берүү. Бирдемени жырта коюу менен сообуна калуу. Элүүлөрдөн ашкандан кийин жан таслим болгондорго төрт чарчы кездеме айрып, маркумга келүүчүлөргө таратуусу, алуучу жыртышты үйүндө ага атап куран окуп же окутуп туруп, бир керегине жаратуусу. Албетте, ар ким алына жараша муну эндүү, энсиз айырабы, ал өлүк ээсинин мартабасына карата болгон. Кийинчерээк чыны, чайнек берүүчүлөр чыккан, маркумду эстеп, чай кайнатып ичип жүрсүн дегени. Азыр бет аарчы берип жүрүшөт. Мындай жосундарды жасабоо, мунун анча маани-жайы жоктугу, тим эле чыгым тартуу экендиги тууралуу адилеттүү ой-пикирлер бар.
МАРКУМДУН ҮЧҮЛҮГҮ ЖАНА ЖЕТИЛИГИ
Адатта маркумдун зыйнатына байланыштуу көп эле ырым-жырымдар бар. Баамдоолордо, мындай көрүнүштөр башка диндерде да кездешет. Маркум жерге түшүп, «кара ашы» берилип, кураны окулары менен кечинде союлган малдын башын ж.б. эттеринен салып, үчүлүгү берилди болот. Ага эл аз чакырылат. Кошуна-колоңдору гана кирет. Атап куран дубасы жасалат. Ал эми «жетилиги» ага караганда жоопкерчилиги бир аз артыгыраак көрүнөт.
Эл арбыныраак чакырылат. Кары-картаңдар эске алынат.
АЗА-БАТА КЫЛУУ
Бул – маркумга сый-урмат көрсөтүүнүн бир жагдайы. Жакындары, куда-сөөктөрү, кайын-журттары, дос-тамырлары, алды-берди барлары, маркумдун ээсине өзүнчө жай айтууга, кайрылып атайын куран окутууга, алакан жаюуга, бата кылууга кыргыздардын мурун мал жетелеп баруусу, шартка карата кийин акча-тыйын сунуусу, кездеме-кече коюусу. Алып барган байлык аркылуу маркумдун арбагын сыйлоосу. Арийне, бул илгери сөзсүз аткарылып келинген.
МАРКУМДУН ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛӨӨ
Чынында, бул үрп-адат кийин чыкты. Маркумдун жантаслим болгон күнүн – жылдыгын белгилөө. Бала-бакыралары алыс-жакындан келишип, атайын чогулушат. Аны эскерип куран окутууга дасторкон жайылат, мал союлат. Чакырылгандар ж.б. этине тоёт. Аттанып кетишет.
КЫРГЫЗ ЭЛ ОЮНДАРЫ
«Жаштары ойноп-күлүүгө
Жарашыктуу наркы бар, Калк чогулса тамаша
Кадимден түрлүү салты бар».
Казыбек
Элдик оюндар, оюн-зооктор элдин өзүнчө эл болуп калыптана башташы менен катар эле пайда болуп, негизинен аларда элдин ой-тилеги, максаты, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндик-тендикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн күрөшү чагылдырылган. Ал оюндардан элдик педагогиканын мыкты үлгүлөрү, элдик терең философиялык көз караштар, улуттук өзгөчөлүк көрүнүп турат. Улуттук оюндар маданиятыбыздын ажырагыс бир бөлүгү, элдин материалдык жана рухий чыгармачылыктарынын бардык тармактарын камтыйт. Кыргыз эл оюндары жаштарды элди, жерди, Мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, эр жүрөктүүлүккө, баатырдыкка, чечкиндүүлүккө, ыкчамдыкка, баамчылдыкка ж.б. тарбиялоо менен аларды практикалык ишмердүүлүккө көнүктүрөт, ден соолуктарын чыңдайт, өз алдынча аракет жасоого үйрөтөт, ошондой эле моралдык жана эстетикалык рахат тартуулайт. Кыздардын куурчак оюну узчулукту үйрөнүүгө өбөлгө болот. Ал эми «Оромпой», буттун башы менен жарышуу сыяктуу оюндар буттун тарамыштарын түйүлүүдөн сактайт. Байыркы кыргыздарда балдарды 11 жашынан баштап дөңгөчкө мингизип тарбиялоо салты болгон. Бала ойноп отуруп эле жамбаш, бел, сан булчуңдарын чыңдаган, өстүргөн. Атка секирип минип, атты бутунун башы жана белинин күчү менен эле башкарууга жетишкен. Бул бир жагынан оюн, ден соолукту чыңдоо болсо, экинчи жагынан баланы аскердик даярдыкка көнүктүргөн.
Кыргыз эл оюндары жалпысынан салт оюндары (тушоо кесүү, сал билек ж.б.), акыл оюндары (акыйнек, кыз оюну, чакмак, чатыраш, шакек жашырмай, ыр кесе ж.б.), ат оюндары (ат чабыш, жорго салыш, келин жарыш, кыз жарыш, кыз куумай, оодарыш, тыйын эңмей, улак тартыш ж.б.), кыймыл оюндары, спорт оюндары (күрөш, ордо, тогуз коргол ж.б.) деп бөлүүгө болот.
Акчөлмөк. Айлуу түндө ойнолот. Узундугу сөөмчө келген ак сөөк (бодонун шыйбылчагы) же жонулган жыгач акчөлмөк деп аталат. Эки топко бөлүнгөн оюнчулар белгиленгөн марадан ыргытылган акчөлмөктү жерге түшөрү менен издешет. Биринчи таап, атаандашына алдырбай марага жеткирген тарап кайра ыргытып, оюн улантылат. Оюнда акчөлмөктү марага көбүрөөк алып келген тарап утат.
Алты бакан. Селкинчектин бир түрү; бак-дарак жок жайлоодо, талаа-түздө бир жагына үч бакандын, экинчи жагына үч бакандын баштарын бириктирип байлап, үстүнө туурасынан бир баканды коюп, ортосуна салынган селкинчек. Ар кандай салтанаттарда, кыз оюнда ж.б. тебилет.
«Ак терек, көк терек». Кыз-уландар оюну. Оюнга катышуучулар эки топко бөлүнүп, 15–20 м алыстыкта кыркалай кол кармашып бири-бирине бетме-бет турушат. Оюнду баштаган жактан бирөө: «Ак терек, көк терек, бизден сизе ким керек!?» «Элден-элден эл чабар, бизден сизге ким чабар!?» – дейт. Экинчи тараптан: «Тойго минген тору аттай, топчуланган манаттай кызыл бешмант кыз керек!» – дейт, же келсин бизге тезирээк деп каалаган кишисинин атын айтат. Ал адам катуу чуркап, чакырган тараптын катарынын бир жеринен жарып өтүп, бөлүнүп калган жагын өз тарабына алып кетет. Эгер ал кол кармашып тургандарды бөлүп кете албаса, ошол тарапта жеңилген катары калат. Мындай чакыруу кезек менен улам бир тараптан болуп турат. Кайсы тарап өнөктөрүн алдырып бүтсө, же алдын ала макулдашылган убакыт бүткөндө кайсы топто кишинин саны аз болсо, ал жак утулган болот.
Аңкилдек. Таяк ыргытуу оюну. Таяктын узундугу 1 м болот. Балдар кезек менен таяк ыргытышат. Таяк ыргытылганда улам бир башы жерге тийип, аңкилдек атып кетиш керек. Таяктын эки башы тоголок болсо, андай таяк жакшы аңкилдек атат. Жакшы ыргытылган таяк ондон ашык аңкилдек атат. Бул оюн колдун, манжалардын күчүн чыңдайт, көз өлчөмүн өнүктүрөт, шамдагайлыкка, шайдооттукка көнүктүрөт. Оюн көбүнчө тоодо ойнолот.
Аркан тартмай. Күч сынашуу оюну. Аралыгы бирибиринен 2 м болгон чийин чийилет. Эки жааттан бирдей санда жигиттер чыгат. Эки учу түйүлгөн аркан чийинге теңделип ташталат. Калыс белги берери менен аркан тартышуу башталат. Кайсы тараптын эң алдындагы оюнчусу чийинден өтүп кетсе, ошол тарап утулат. Кээде жекемежеке да тартышат.
Бука тартыш. Күч сынашуу оюну. Эки балбан аркандын 2 туюк учун көк желке менен омуроого илип, төрт аяктап экөө эки тарапка тартышат. Чийинден чыгара өз тарабына сүйрөп кеткени жеңишке ээ болот.
Дүмпүлдөк. Түнкүсүн ойнолот. Жаштар эки топко бөлүнүп, анын бири аркандын бир учун кармап, жерге кийиз чүмкөнүп жатышат. Экинчи учун аларды кайтарган «сары айгыр» (сакчы) кармайт. Экинчи топ жаткандарды эшилген жоолук же кур менен чапкылашып, сакчыга карматпай качып турат. Сакчы аркан жеткен жерге чейин кууп барып алардын бирин кармап алса, алар кийиз чүмкөнгөндөрдү алмаштырып оюн улантылат.
Жамбы атмай, кыйык атуу. Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Ар түрдүү формада жана ар кандай салмакта уютулган, илгерки заманда акча ордуна жүргөн күмүш – жамбы деп аталган. Аш-тойлордо жамбыны бийик жерге илип коюп, көзгө атар мергендерди сынашкан. Жамбы мурда жылкынын куйрук кылына байланып илинген. Жамбы атуучулар ошол кылды үзө атып, жамбыны түшүрүшкөн. Жамбыны мурда жаа менен атса, кийин мылтык менен атууга өтүшкөн. Мылтыктын калибрин, бытыранын номерин, катышуучулардын санын ж.б. шарттарды мелдешти өткөргөндөр аныктаган. Аянт айылдан четте кеминде 500×500 м2 өлчөмүндө болуп, 16 жаштан өткөн оюнчулар бытыра мылтык жана ээр токумдуу ат менен катышкан. Учуна 3–4 м туура жыгач бекитилген 10–15 м узундуктагы шыргый тикесинен орнотулуп, ага кыйыкка байланган бута («жамбы») илинген. Ал 25×30 см чоңдуктагы кагаз же фанерадан кара боёк менен боёлуп, куш түспөлүндө жасалган. Мелдеш башталганда кезектеги оюнчу мылтыгын октоп, чаап бара жатып бутага 70–75 м калганда аткан. Башка түрү боюнча бута 7–8 м бийиктикте Г тамгасына окшош устунга илинип, ок 25–30 метрден атылган. Бардык чыгууларда эң көп упай алган жаат же аткыч мелдештин жеңүүчүсү деп табылган. Оюн 1972–80-ж.ж. спорттун улуттук түрү катары ойнолгон.
Жашынмак. Балдар оюну. Эки топко бөлүнүп, уланкыздар аралаш ойнойт. Жашынуу чеги белгиленет. Чөп жашырып же тутум кармашып, уткан топ жашынат, уттурганы издейт. Эгер баарын издеп таап алышса, анда алар жашынат да берки топ издейт. Бирин эле таба албаса уттурганга эсе болот да, кайрадан издешет. Эгер оюнчулардын саны аз болсо, бирөө издеп, калганы жашынат. Издөөчүнү жаңылдыруу максатында жашынгандар бир бияктан, бир тияктан алыста өңдөгөн үн менен «күкүк» же «зейнеп» деп алаксытышат. Бул учурда биринчи табылган бала издөөчү болот. Эгер эң акыркы бала чекке издөөчүдөн мурда келсе, анда издөөчү экинчи ирет да издөөчү болот. Эгерде акыркы бала издөөчүдөн кийин келсе, ошол издөөчү болот. Оюн ушундайча улана берет.
Шакек салмай. Улан-кыздар тегерете отурушат, эки алаканын бириктирип, тизесине коюшат. Оюнду баштоочу шакекти эки алаканынын ортосуна коюп, отургандардын колдоруна салгандай түр көрсөтүп кыдырып чыгат. Бирок шакекти бир гана оюнчунун колуна салат. Шакек салган киши оюнчулардын бирөөнөн: «Шакек кимде?» – деп сурайт. Ал кимде экенин тапса ошол оюнчу, таппаса өзү ырдап берет. Оюн уланып, бир учурда: «Алтын шакек, атып чык!» – дейт. Колуна шакек салынган оюнчу жанындагыларга карматпай тез тура калса, ошол «шакек салат». Турарда жанындагылардын бири кармап калса, ырдап же бийлеп жазасын алат да, кайра ордуна отурат. Мурункусу оюнду уланта берет.
Жолдош сурамай, шерик сурамай. Жаштар оюну. Көк майсаңга бир кыз, бир уландан жуп болуп уй мүйүз тартып отурушат. Оюн башчы: «Кимге жолдош керек?» – дейт. Алар «мага» дешип кол көтөрөт. Оюн башчы отургандардын бирөөнө «сага ким керек?» дегенде, ал каалаганынын атын атайт. Аты аталгандын жубу ага өз шартын коёт. Жолдош сураган кыз же жигит шартты аткарса, каалаганын жанына отургузуп алат. Суралган оюнчунун жубу жанындагысын бергиси келбесе, жолдош сураган ага шартын айтат. Эгер шартты аткарса (ырдаса, бийлесе ж.б.) жолдошун алып калат. Кээде жубу өзүнө жакпаган учурлар да болот. Ал учурда жубун биринчи эле сураганга берип жиберип, өзүнө башка жуп издейт.
Жоолук таштамай. Жаштар оюну. Катышуучулар жүйүртө басып көк майданга тегерете отурушат. Оюнду баштоочу отургандарды айлана чуркап баратып колундагы эшилген жоолукту же жумшак курду биринин артына билгизбей таштап кетет. Жоолук ташталганын байкап калган киши дароо жоолукту ала чуркап, жоолук таштаган оюнчуну өз ордун (эреже боюнча жоолук алган оюнчунун ордун) тапкыча кууйт, жетип сабоого аракет кылат. Жетсе аны чапкылап, жоолукту көкөлөтө ыргытып жиберип, тигинин ордуна отура калат. Жетпесе жоолукту башка бирөөнүн артына таштап кетет. Эгер ал жоолук ташталганын сезбей калса, жоолук таштаган оюнчу айланып келип, жоолукту алып аны чапкылап, отургандарды айланта кууп өз ордуна келтирет. Кубалап бараткан оюнчу амалкөй болсо, кубалап баратып жоолукту башка бирөөнүн аркасына таштап кетет. Ал бала байкабай отура берсе, жоолук таштаган бала айланып келип, аны сабайт. Артты кароого, жоолук ташталганын жанаша отурганга айтууга болбойт. Артын сыйпалап билүүгө гана уруксат берилет. Жоолук эки кишинин ортосуна же алыс ташталса, жоолук таштаган киши айып тартат.
Жөө эңиш, жөө оодарыш. Балдар оюну. Чоңураактары ат болуп, кичирээктери аларга минип, эки-экиден эңишет.
Качма топ. Топ менен ойнолуучу балдар оюну. Кенен аянтта топ чабуу сызыгы, топ чапкан киши чуркап барып келгидей (30–35 м) чек белги жана мара белгиленет. Балдар эки топко бөлүнүп таяк кармашат. Кайсы топтун өкүлү чыкса, топ чабуу укугуна ээ болот. Топ тоскон тараптагылардын бирөө тигилерге топ салып берет. Топту көкөлөтүп алыс чабуу керек. Ошол учурда топ чапкан жактагылар топтун алыс чабылганынан пайдаланып, белги чекке чуркап барып, кайра келишсе дагы топ чабууга укуктуу болот. Белги чекке жетпей орто жолдон кайра келсе, анын топ чабууга акысы жок. Чабылган топту жерге түшүрбөй тосуп же качып бараткан баланы топ менен урганда топ тийсе, анда эки тарап орун алмашат. Топ чаап жаткан оюнчу сызыктан өтүп кетсе, топ берип жатканы топ менен уруп коюшу да мүмкүн. Эгер топ чаап жаткан оюнчу топту чаба албай калса, топ чабуу укугунан ажырайт. Өнөктөштөрдүн баары топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калганы топту үч жолу удаа чапканга чейин белгиленген чекке барып кайткан бала жок болсо, ал тарап утулган болот да, экинчи тарап топ чабууга укук алат. Ушинтип оюн улана берет.
Киште. Эки киши ойноочу байыркы оюндардан. Шахматтан айрым жүрүштөрү менен айырмаланат. Киштеде король – кан, ферзь – баатыр, ладья – уруу аксакалы, слон – төө, конь – ат, пешка – пияла же жоокер деп аталат. Киште деген сөздүн мааниси шахматтагы шах деп королго коркунуч туудурган маанини билдирет. Киштеде шахматтагыдай кан рокировкаланбайт. Канга аттан бөлөк кандай фигура болсун мат бере берет. Жоокер оюнду биринчи баштаганда гана алдындагы жүрүш жолунун бирин аттап, кийинки экинчи жолго көчө алат. Калган убакта жүрүш сайын жоокер бир жолго гана жүрүүгө укуктуу. Канга коркунуч туулса оюндун бир партиясында эки оюнчу тең бир жолу гана канды атча жүрө алат. Эгер жүрүүгө жол жок болсо жеңилет. Калган жүрүштөрү шахматтан айырмаланбайт. Оюнга шахмат тактасы жарактуу.
Коён тебиш. Күч сынашмай оюну. Эки улан кийизге же көк чөпкө аркы-терки чалкасынан жатып, эки оң же эки сол карууларын бири-бириникине илиштирет. Эгер оң карууларын илиштиришсе, оң буттарын, сол карууларын илиштиришсе, сол буттарын жогору көтөрүп келип, согончокторун илиштире экөө эки тарапка буттарын тартышат. Кимиси оодара басып, көмкөрүп кетсе, ал жеңген болот да, мөрөй ошого ыйгарылат.
Кол күрөш. Жигиттердин күч сынашмай оюну. Экөө ортосуна такта коюп, маңдай-тескей сыңар тизелеп отуруп, оң колдорун бекем кармашып, чыканактарын тактага такайт да, ар кимиси каршысынын колун чалкалата жыгууга аракеттенет.
Кочкор сүзүштүрүү. Колду түз кармап, ортонду сөөмөйдү көздөй ийе тартып, сөөмөйдүн үстүн оролто коёт. Ушул эле ыкмада ортонго аты жокту, аты жокко чыпалакты коёт. Манжалар бири-бирине ороло илинишип, көрүнүшү кочкордун мүйүзүнө окшоп калат. Анан эки атаандаш «кочкорлорун» сүзүштүрө баштайт. Кайсы «кочкор мүйүз» күчтүү жана чыдамдуу болсо анын ээси утат. Балдар калыс болуп карап турушат. Оюн манжаларга сулуулук жана күч берет, муун ооруларына чек коёт.
Көз таңмай. Балдар оюну. Тегерете чийин чийилет. Чогулган балдар тутум (чүчү кулак) кармашып, аны эң аягында кармап калган баланын көзүн таңып, ортого коё берет. Тегеректеги балдар көзү таңылуу балага карматпай качышат, бирок чийинден чыкпайт. Көзү таңылуу бала балдарды дабышы, күлкүсү ж.б. боюнча боолголоп билип, алардын бирин кармоого аракет кылат. Ким кармалса, ошонун көзү таңылат да, оюн андан ары улантылат.
Кыз жарыш, келин жарыш. Улуттук ат оюну. Оюнга 13 жаштан 21 жашка чейинки 5–6 кыз-келин жасалгаланган ат жабдык токулуп, кооз үртүктөлгөн күлүк аттарга алчыланта минип катышат. Жарышка чыккан келиндер жоолук салынып, кыздар кундуз тебетей, кош этек көйнөк, чыптама кийишет. Ат чабууну баштоочу жер, мара белгиленет. Аралык 5–6 км болот. Аттын тизгинин кайсы учурда жыя кармап, кайсы учурда коё бериштин ыгын билген кыз-келиндер озуп келип байге алышат.
Оромпой. Сыңар аяктап секирип ойнолчу балдар оюну.
Үч түрү бар: 1) Балдар эки тарапка бөлүнүп, тегерек тартып турушат да, сызыктын сыртындагы атаандаштарын бүгүлгөн буту менен тебүүгө аракеттенет. Экинчи тарап каршысындагыларга тептирбей, чийиндин ичине кирүүгө тийиш, ошондо алар утат. 2) Эки бала корозчо сороктоп ийиндери менен жөөлөшөт. Кимиси жыгылса же эки буттап басса, ошонусу жеңилет. Бул короз оромпой деп аталат. 3) Бир нече бала бир бутун көтөрүп, секирип чуркап жарышат. Ким мурда чекке жетсе, ошол жеңет. Бул оромпой жарыш деп аталат.
Селкинчек. Кыргыз элинин тарыхый-маданий улуу мурасы. Ал көбүнчө кыздарга арнап курулган. Улан-кыздар жай мезгилинде жанаша же кыйгач өскөн даракка арканды байлап айыл четинде, күндүз же айлуу түндө тебишкен. Ал сармерден – ыр, бий ж.б. менен коштолгон. Макал-лакаптарды айтышуу, табышмактардын жандырмагын табуу, жаңылмач айтуу сыяктуу оюн-зоок менен улантылган. «Бурулчанын селкинчек» сыяктуу ырлар ырдалган. Селкинчек кыз-жигиттин таанышуусуна, өнөрүнө карата бирин бири баалоосуна шарт түзгөн, ошол эле учурда шатыра-шатман көңүл ачуу менен дене бойдун өсүшүнө, муундардын иштешине, нерв системасынын эс алышына өбөлгө болгон. Бак-дараксыз жерге алты бакан селкинчек салынат.
Томук жашырмай. Томук жашырмай түрк элдеринин ичинен кыргыз элине гана тийиштүү мелдеш оюндарынын бири. Койдун же эчкинин кашка жилигинин башындагы кичинекей томпок сөөк томук деп аталат. Томукту таза мүлжүп, эки адам (көбүнчө жаштар: кыз менен жигит, кайниси менен жеңеси ж.б.) аны жашыруу шартын сүйлөшүп, мөөнөтүн белгилешет. Мөрөй алдын ала бычылат. Ал күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Бири жашырат, экинчиси доочу болот. Томук көбүнчө каткан адамдын сол колунун баш бармагынын астында болушу керек. Томукту колуна жип менен байлап алууга болбойт. Доочу томукту каткан адамдан өзү каалаган учурда үч жолу: «Томук кана?» – деп сурашы керек. Ал доочу сураганда шак алаканын ачып, буйдалбай көрсөтүүгө тийиш. Ал үч жолу тең томукту шартташкан колунан көрсөтсө утат. Бирөөндө эле көрсөтө албай калса утулат. Утканы бычылган мөрөйдү алат. Илгери тогуздап байге сайып томук жашырмай ойногондор да болгон.
Чакмак, топ таш, беш таш. Кыз-келиндер оюну. Беш таш же андан көбүрөөк таш менен экиден же өнөктөшүп ойношот. Беш ташты түрдүүчө ыргытып, чакмак алуунун ар кандай ыкмалары көрсөтүлөт. 1-ыкма: 1. Бир ташты жогору ыргытып, жерге ташталган 4 таштын бирин алып, ыргыткан ташты тосуп алуу, колдо 2 таш болот. 2. Эки ташты жогору ыргытып, жерден бир ташты ала коюп, ыргытылган эки ташты тосуп алуу. Колдо 3 таш болот. 3. Үч ташты жогору ыргытып, жерден бир ташты ала коюп, ыргытылган үч ташты тосуп алуу. Колдо 4 таш болот. 4. Төрт ташты жогору ыргытып, жерден бир ташты ала коюп, төрт ташты тосуп алуу. Колго бардык 5 таш жыйналат. 5. Беш ташты жогору ыргытып, алакан менен жерди бир уруп, беш ташты тосуп алуу.
Бардык учурда чакмакты бир гана колу менен алат. 2-ыкма: 1. Беш ташты бириндетип жая калчоо. 2. Бир ташын улам жогору ыргытып төрт жолу жерден бир таштан терип алуу. 3. Бир ташты жогору ыргытып, төрт ташты экиден терип алуу. 4. Бир ташты жогору ыргытып, жерден үч ташты алып, ыргыткан ташты тосуп алуу. 5.Бир ташты жогору ыргытып, бир сапарда жерден 4 ташты терип алуу. 3-ыкма: 1. Таштарды чачып таштоо. 2. Сол колдун сөөмөйү жана бармактын учу менен жер тиреп капка дарбаза жасалат. 3. Бир ташты жогору ыргытып, жердеги бир ташты дарбазадан өткөзүп, ыргытылган ташты тосуп алуу. 4. Ушул ыкманы 2, анан 3 таш менен кайталоо. 5.Акырында 4 ташты тең дарбазадан өткөрүү.
Бардык учурда жерден таштарды тергенде башкасына кол тийгизбөө, оң колго жыйылып жаткан таштар да бири-бирине тийишпөөсү керек. Оюндун бир жеринде жыдып калса, кезек башкага өтүп, кайра кезеги келгенде жыдыган жерден улантат. Бир таш жогору ыргытылып, жерден ташты терип алганды – үч алакей, жерден таштарды экиден шыпырганды – кош кайрык, 4 ташты бирден терип алганды – гүл термей, эки ташты жогору ыргытканды – кош ат, үч ташты ыргытканды – үч ат же үчилик деп атайт.
Чикит. Уул балдардын оюну. Узундугу 100–120 см, диаметри 3–4 см жумуру таяк жана узундугу 15–30 см, эки башы учталган кесинди (чикит) менен ойнолот. Жерге диаметри 3–4 м болгон айлана чийилет. Айлананын ортосуна таяктын учу бата турган, узундугу 20 см чуңкур казылат. Оюнду эки бала же жаатташып ойносо болот. Оюн башталар алдында чек сан белгиленет. (Мисалы, 100 таяк.) Оюн таяк кармоо менен башталат. Таяктын учун кармап калганы (жаат) чикит чабат, экинчиси тосот. Чабуучу бала айланадагы чуңкурдун үстүнө чикитти түурасынан коюп, чикиттин астына таякты киргизип, чикитти өйдө көтөрүп ыргытып жиберет да, чикит ылдый түшүп келатканда таяк менен чабат. (Чикитти өйдө көтөрүп чапканда таягы чикитке тийбей калса же тийсе да чикит айлананын ичине түшсө, оюн өнөгүнө өтөт.)
Чикит канчалык алыс кетсе, чабуучу үчүн ошончолук жакшы. Тосуучулар чикитти жерге түшүрбөй тосуп алса, оюнчулар орун алмашат. Ал эми тосо албаса чикит түшкөн жерден тосуучулардын бири кайра ыргытып, айлананын ичине түшүрүүгө аракеттенет. Чикит айланага келип түшсө, анда жааттын экинчи оюнчусу чабат. Айланага ыргытылган чикитти денеси менен тосууга болбойт, таяк менен гана тосуш керек. Ыргытылган чикит айланага түшпөй калса, чаап жаткан бала чикит түшкөн жерге барып, чикиттин бир учунан чаап, чикит ыргып өйдө көтөрүлгөндө, алыстатып үч жолу чабат. Чикиттин акыркы түшкөн жеринен айлананын четине чейинки аралыкты таяктын узуну менен ченеп санап келет да, чикит чабууну улантат. Биринчи жааттын оюнчулары бүткөндө кезек экинчи жаатка келет. Ушул тартипте оюн улантылып, кайсы жаат белгиленген санга мурда жетсе ошол жаат жеңүүчү болот.
Жеңген жааттын бир оюнчусу таяк менен чикитти жерге түшүрбөй элейт. Элегенде таяк чикитке канча жолу тийсе, анда чикитти ошончо жолу түшкөн жеринен алыстатып чабат. Акыркы түшкөн жерден жеңилген жааттын бир оюнчусу чикитти колуна кармап, айланага чейин ырдаган боюнча чымылдап чуркап келиши керек. Эгер жолдо тынып калса, ошол тынган жеринен чикитти кайра чабышат. (Бир гана жолу чабууга уруксат берилет.) Чикиттеги ырдалуучу ыр:
Ак бай, ток бай
Уяттары жок бай Катуу жорго кашка тай, Кадик болгон башка тай. Катуу чапса чарчаба, Жеткирбегин башкага.
Үстүндөгү жаш бала,
Уруп кетсе аскага,
Чабалекей чам-чум,
Чабалекей чам-чум, –
деп акыркы муунду деминин жетишинче созуу керек.
Шабиет. Өспүрүмдөр оюну. Ойноочулар эки жаатка бөлүнөт. Боз үй ордундай тегерек чийилет. Чийиндин ичиндегилерди чийиндин сыртындагылар чаап, өздөрүн чийиндин ичинен тептирбөөгө аракеттенишет. Эгер тептирип койсо ойноочулар орун алмашат.
Акыйнек. Бул көбүнчө тестиер кыздардын биринин айыбын бири чукуп ырдоосу. Бетин чоюп, же сөөмөйү менен сыйпап, «эликтөө» ыкмасы да колдонулат. Кыздардын сөз тапкычтыгы, таасын айтуусу, курчтугу бааланат. Кемчиликтерин гана айтууга жол берилет, ал эми кебетекепширине асылууга болбойт.
Сармерден. Той-топурда жаштар экиге бөлүнүп, улам бир жактан ырдап, тамаша курушат. Бул айтыш эмес, жаштарды жакындаштыруу, ынтымакташтыруу, эл ичинен таланттарды табуу салты.
Ыр кесе. Той-топурда шайыр отурууга арналган салттардын бири. Атайын кесе даярдалып, ага кымыз, айран ж.б. куюлат. Бирөө ырды баштап берет. Ал айрым жерлерде «Кесегүл» деп да аталат. Ырдаган адам кесени каалаганына сунат, ал ырдап, бийлеп берүүгө тийиш, болбосо күлкүлүү окуя айтат. Эгер бул шартты аткара албаса, кеседегини ичүүгө тийиш. Ошондуктан айрым учурда кесеге иче албагыдай кылып туз же башка нерсе салып коюшат. Ыр кеседе байкалбай жүргөн таланттар белгилүү болот.
ЧҮКӨ ОЮНДАРЫ
Чүкө оюндары – кыргыз элинин накта улуттук оюндарынан. Анткени кыргыз эли мал менен өсүп-өнгөн эл. Ошондуктан малдын чүкөсүн (кар жиликтин башына ашташкан кичинекей сөөк) байыртадан эле пайдаланышкан. Кыштын узак түндөрүн чүкө ойноо менен өткөрүшкөн. Оюнда элдин ички, тышкы душмандарынан коргонуу ыкмалары, аскердик өнөрдүн элементтери (таамай атууга көнүгүү, көздүн курчтугун өөрчүтүү ж.б.), тактык, тыкандык, тез эсептей билүүчүлүк, шамдагайлык, тапкычтык, кылдаттык, чеберчилик, устаттык, кыраакылык, кыймыл, адеп сактоо сыяктуу көптөгөн учурлар колдонулат.
Оюн ушунусу менен кызыктуу да, ушунусу менен баалуу.
Чүкө оюндарынын байыркылыгы «Манас» эпосунан да көрүнөт. Манастын ашык ойногондугу, ордо аткандыгы айтылат. Чүкөнү мурда ашык, эңке деп да аташкан.
Чүкө салган баштык – тулуп, койдун чүкөсү – койгут (кээде аркардын кичирээк сакасы да койгут делет), эликтики – элик бапый, тоо теке, аркар, кулжаныкы – сака, эчкиники – чыймыт, уйдуку – томпой, доңкей деп аталат. Абалак – мүйүздөн төрт кырдуу жасалып, негизинен ордого гана колдонулат. Чүкө оң, сол болуп бөлүнөт. Конушуна жараша алчы, таа, бөк, чик деп айтылат. Семиз койдун чүкөсү салмактуу келип, даана атылат. Ал эми арык малдын чүкөсү жеңил болот, атканда башка чүкөгө жөлөнүп шыйкы туруп калышы мүмкүн.
Упайда үч чүкө бир басым, ордодо бирдин үчү беш чүкө болуп эсептелет.
Кыт. Саканын таа жагын көзөп, көңдөйлөп, ага эритилген коргошун куюлат. Бул кыт куюу деп аталат. Кыт саканын таа жагын салмактандырып, арышын кеңейтет, ыргытканда, атканда, өкчөгөндө жалаң алчы конушуна көмөктөшөт. Чүкө оюндарын ойноодо балдардын бардыгында тең кыт куюлган сакалар болгон учурда гана ойногонго болот. Ойноочулардын биринде эле кыт куюлган сака жок болсо, оюн кыт куюлбаган сакалар менен ойнолушу керек.
Оюн сака калчоо менен башталып, сакалардын конуу тартиби менен оюнчулардын кезеги түзүлөт. Бардык чүкөлөрдү чогултуп өкчөө – калчоо деп аталат. Кыргыз аңызында чүкө оюнунун пири – Какчеке делет.
Чүкө оюндарынын 20дан ашык түрү белгилүү. Алар негизинен экиге бөлүнөт: отуруп ойнолуучу оюндар (чүкө калчамай) жана басып жүрүп ойнолуучу оюндар (чүкө атмай). Биринчисине упай, кан таламай, жеп кетти, канымдат, сасыткы, үчүм, ачакей-жумакей, чүкө өкчөмөй ж.б.; экинчисине ордо, үч тапан, өлдү, жедирмек, келиш, кыйыр, кен, опол, пари ж.б. кирет. Чүкө оюндарынын төрөсү – ордо. Ордо кыргыз элинде гана учураган оюн. Анда кыргыз элинин тарыхый турмушу кеңири камтылган. Ордодо кыргыздардын күнүмдүк жашоо-турмушу, ички жана тышкы душмандары менен болгон мамилеси сыяктуу көптөгөн маселелер чагылдырылган.
Оюнчулардан өтө чеберчиликти, машыккандыкты талап кылган татаал оюн. Ордо байыркы кыргыз элинин хан ордосун элестетип, элди биримдикке чакырат, ошондой эле аскердик өнөргө үйрөтөт. Ордонун үйдө – кийиз үстүндө ойнолгон түрү упай. Бул оюндар дүйнө элдеринин эч биринде жок. Ордо менен упай улуттук спорттун түрүнө киргизилип ойнолуп жүргөндүктөн, азыркы мезгилге ылайыкташтырылып иштелип чыккан бирдиктүү эрежеси болбогондуктан бул китепке жазган жокпуз. Чүкө оюндарында жергиликтүү өзгөчөлүктөр өтө эле көп, ал түгүл бир эле оюнду ар башка жерде ар башкача атаган же ар башкача эреже менен ойногон учурлар да кездешет. Төмөндө чүкө оюндарынын айрымдарын келтиребиз.
Андөк. Бул оюнду 2 кишиден 5 кишиге чейин ойносо болот. Ар бир кишинин (баланын) бирден сакасы, кыт куюлган же жөн эле онго чейин чүкөсү болот. Оюн түз жерде ойнолот. Чийин чийилип, андан 10 арыш аралыкка ар бир бала бирден чүкө тигет. Андан кийин оюнга катышуучулар сака калчашат. Сакаларынын конгону боюнча кезек түзүлөт. Биринчи конгонунун ээси чийинге бутунун башын келтирип туруп биринчи атат. Атканда сака чүкөгө тийип бири чик, бири бөк болуп калса андөк болот. Ошол аткан чүкөнү утуп алат да, сака жатып калган жерден чүкөнү дагы атат. Аткан сакасы чүкөгө тийип, сакасы гана алчы консо тизилген чүкөлөрдү бүт утуп алат. Калгандары кайра бирден чүкө тизишип, оюн кайра башталат. Ойногондо эч ким утпаса сака түшкөн жерден атылат. Колдогу чүкө түгөп калса, өнөгүнөн карызга чүкө сурап ойносо да болот.
Айкүр. Бул оюнду эки же андан көп бала ойнойт. Түз сызык сызылып, аны бастыра чүкөлөр бири таа, бири айкүр (алчы) тизилет. Анан сакалар калчанат. Биринчи конгон саканын ээси чүкөлөр тизилген чийиндин четин басып туруп, өз сакасын калчап, сызыктан узак ыргытат. Эгерде сака үч тапандан жакыныраак түшүп калса, анда ошол саканын ээси оңдоп ыргытат. Ал эми биринчи эле калчаганда сакасы айкүр конуп калган оюнчу сакасы түшкөн жерди басып туруп, сызыкта тизилген чүкөлөрдүн каалаганын мээлеп атат. Анын сакасы чүкөгө тийип, ал чүкө чийинден үч тапан алысыраак түшсө, оюнчу чүкөнү утат да, кайра дагы атууга укук алат.
Биринчи чүкөнү утуп алган учурда оюнчунун сакасы чоң чийиндеги чүкөлөргө канчалык жакын туруп калса, оюнчу үчүн ошончолук пайда. Себеби оюнчу жакындан чийинде тизилип турган чүкөнү «кыйыры менен» деп айтат да, бир нечесин ута алат. Кыйыр учурунда үч тапандан алыс барып түшкөн чүкөлөр оюнчунун утканы болуп эсептелет. Ушинтип акыркы чүкөнү утуп алгыча кайталап ата берет. Ыргыткан учурда оюнчунун сакасы айкүр конбой калса, анда ал оюнчунун сакасы ошол түшкөн жеринде калат да, андан кийинки сакасы конгон оюнчу өзүнүн сакасын чийиндин четин таманы менен басып туруп, тигинден башка тарапты көздөй өкчөп ыргытат, же анын сакасын атат. Эгер экинчи оюнчу биринчинин сакасын үч тапандан алысыраак ыргыта ата алса, биринчи оюнчу оюндан чыгат. Оюн ушундайча улантылат. Акырында кимдин сакасы мыкты болсо, ким таамай ата алса, ошол баарын утуп чыгат.
Алжүдүм. Оюнга каалаган сандагы балдар катышат. Алар чүкөлөрүн жалаң бөгүнөн тизишип, андан бир нече кадам алыстап барышып, кезек менен чүкөлөрдү көздөй сакаларын ыргытышат. Оюнду чүкөлөргө эң жакын түшкөн саканын ээси же чүкөлөргө биринчи болуп тийип кеткен саканын ээси баштайт. Эгерде оюнчунун сакасы чүкөлөргө тийип, анан айкүр конуп калса, анда ошол оюнчу утушка ээ болот да, бардык чүкөнү алып коёт. Бул учурда оюн кайра башталат. Оюнду баштоочу өзүнүн сакасын чүкөлөргө тийгизип туруп: «Алчы, алчы, алчы!» – деп алыска атып жиберет. Дароо эле айкүр конуп калса утат. Сака таа, бөк же чик түшсө, анда «таш» деп айтылат да, оюнду башкасы улантат.
Биринчи оюнчудан кийинкилер кааласа, топ чүкөдөн алыс же жакын турганына карабай, топ чүкөнүн үстүнө сакасын тийгизип туруп, жогорудагыдай атып жиберсе болот. Андай кылгысы келбесе, ошол сакасы барып түшкөн жерден басып туруп, өзүнө жакыныраак жайгашып калган оюнчунун сакасын атат. Сака менен саканы аткан учурда алардын бири бөк, экинчиси чик түшсө, же тескерисинче, түшкөн учурларда аткан оюнчу утушка ээ болуп, сакасы атылган оюнчу оюндан чыгып калат. Эгерде аткан оюнчунун сакасы айкүр конуп калса да утуш аткандыкы болот. Бирок сака менен саканы аткан учурда, сакасы атылган оюнчунун сакасы айкүр туруп калса, утуш мурда аткан оюнчунуку деп эсептелинет да, кийинки аткан оюнчу оюндан чыгып калат. Бул оюнда кимдин сакасы коночоок болсо ошол утат.
Ачакей-жумакей. Оюнду эки жаатка бөлүнүп ойношот.
Кезек менен чүкө өкчөшөт. Өкчөгөн бала чүкө оңко турса – 3, алчы консо – 2, таа консо – 1 манжасын жумат. Жумганы – жумакей, ачканы – ачакей деп аталат. Чүкөсү алчы, таа коно берсе улам өкчөй берет. Бөк же чик консо оюн атаандашына өтөт. Кайсыл оюнчу биринчи болуп манжаларын толук жуумп, кайра ачып чыкса, башкача айтканда, 10 упай топтосо, ошол оюнчу утат. Жеңилген бала эки колунун алаканы менен көзүн басат. Жеңген бала аны чекеге же колунун сыртына бир манжасы менен акырын чертип, колунун баш бармагын жана чыпалагын көрсөтүп туруп калат. Жеңилген бала анын кайсы манжасы менен черткенин табыш керек. Тапса ошол жаат оюнду кайра баштайт. Таппаса оюндан чыгат. Калгандары ойной берет.
Ашык. Оюн тегиз жерде ойнолот. Ортого чуңкурча жасалып, ага ар бир ойноочу үчүн үчтөн чүкө тизилет. Чуңкурчаны айланта актап койсо да болот. Чуңкурчанын айланасынан 2 метр алыстыкта айланта сызык чийилет. Оюнчулар эки жаатка бөлүнөт. Ар бир жаатка ашык атуу үчүн бирден сака берилет. Оюн таяк кармоо же ашык калчоо менен башталат. Оюнду баштаган оюнчу сызыктан (чийинди басып) туруп ордо аткандай сака менен тизилген чүкөлөрдү атат. Атканда сызыктан чыккан ашык ашыкты чыгарган оюнчулардыкы болот. Оюнчу атканда ашык чыгарса, атууну уланта берүүгө укуктуу. Атканда чүкө чыкпай калса, кезек өнөгүнө өтөт. Биринчи жааттын оюнчулары кезек менен ойноп бүткөндөн кийин, оюнду ойноо кезеги экинчи жаатка берилет. Кайсы жааттын оюнчулары ашыкты көп чыгарса, ошол жаат оюнда утат. Утулган жааттын оюнчулары уткан жааттын оюнчуларынын алдында ырдап, бийлеп бериши керек. Бул оюн ордонун жаш балдарга ылайыкталган түрү болуп эсептелет.
Дарттикем. Бул оюнду төрт бала ойнойт. Коночоок бирден чүкө алышат. Ат калчашып, оюнду баштоо кезеги түзүлөт. Оюнга жиликтен чийкилей омкорулган улактын жапжаңы чыйбылы колдонулат. Чүкөнүн экөө оң, экөө сол болот. Биринчиси чүкөлөрдү каалаган колуна кармап, түптүз жерге же үстөл бетине каалагандай калчайт да, «дарттикем» деп колун көкүрөгүнө коюп туруп калат. Чүкөнү калчоо ыкмасын билүү, кылдаттык талап кылынат. Эгер өкчөгөндө төрт айкүр турса, анда «чурум» деп коёт да утат. Үчөө чик, бирөө айкүр; же эки таа, эки айкүр консо да утат. Төртөө тең таа консо, же үч бөк, бир таа консо да жыдыйт (утулат). Үч таа, бир бөк же үч айкүр, бир чик консо да утулат. Калчаган чүкөлөрдүн бирөө оңко турса, анда калган чүкөлөрдүн кандай түшкөнүнө карабай утат. Бул оюндун башкача түрү мурда кумар оюну катары белгилүү болгон.
Жыдымай (сасымай). Үй ичинде ойнолот. Экиден көп бала ойнойт. Ат калчоо менен оюнчулардын кезектүүлүгү аныкталат. Оюнчулар аз болсо ортого экиден, көп болсо бирден чүкө кошушат. Оюн баштоочу да бир чүкө кошуп, баарын чогуу калчайт. Эгер чүкөлөрдүн бири алчы тушүп, калгандары чик болсо, ал бардык чүкөлөрдү алат. Кайра да калчайт. Дагы утса дагы калчайт. Утпаса кезек кийинки балага берилет.
Андан кийинки оюнчу бирден чүкө чогултуп, оюнду мурункудай улантат. Эгер калчаганда бир чүкө алчы, калганы чик жана бөк түшсө, алчы менен чиктерди алып, калган чүкөлөрдү кайталап калчайт. Эгер чүкөлөр чик жана бөк түшсө, оюн кезеги кийинки оюнчуга берилет. Ойногондор чүкө калчаганда канча таа консо ошончо чүкө кошуп, кайра калчайт. Калчаганда чүкөлөр алчы, таа түшүп калса, оюн сасыды деп аталып, калчаган бала оюндан чыгат. Оюн ушинтип улантыла берет. Чүкөнү көп топтогон оюнчу утат.
Кан таламай. Бул оюнду 2 оюнчу же 4–6 киши 2 топко бөлүнүп ойнойт. 16–20 басым, б.а., 48–60 чүкө ортого салынат, чоңдугу жана түсү жагынан айырмаланган бир чүкө кошулуп, ал кан аталат. Оюн ат калчашуудагы ирет менен башталат. Оюнду баштоочу чүкөлөрдү кочуштап, кийиздин үстүнө жая чачат. Кан таа түшсө, оюнчулар чачылган чүкөлөрдү талап алышат. Шамдагай оюнчу канга, чүкөлөрдүн көбүнө ээ болот. Кан бир жолу талангандан кийин оюнчулар алган чүкөлөрүн эсептешип, ар бир оюнчудан бирдей сандагы чүкө чыгарылат. Кан жолдошу делип, бир чүкө ашык салынат. Артып калган чүкөлөр утуш катары оюнчуда кала берет. Кан алган киши чүкө калчайт. Кан таа консо дагы таланат. Таа түшпөсө чүкө атуу башталат.
Калчаган киши сөөмөйүнүн учу менен чигин чиги, бөгүн бөгү, тааны таа, алчыны алчы менен башка чүкөлөргө тийгизбей таамай атып, атылган чүкөнү алат. Атылган чүкө «ок», атылуучу чүкө «кийик» деп аталат. Үч чүкө атылгандан кийин канды атууга мүмкүн болбой, ал көп чүкөнүн курчоосунда калса, оюнчу макулдашуу боюнча үч же беш чүкө атып алгандан кийин канды атат. Канды алгандан кийин гана колундагы чүкөлөр менен кан белгилүү жерге коюлат. Кан менен чүкөнү атууга болбойт. Ок кийикке тийбей калса же башка чүкөгө тийип кетсе оюнчу жыдыйт да оюн кезектеги оюнчуга өтөт. Ким көп чүкө алса, ошол утат. Эки тараптын чүкөлөрү бирдей санда болсо, кан алган тарап утат. Бул оюн айрым жерлерде упай деп да аталат.
Канымдат. Катышуучулар тегерек тартып отурушат да кезек менен чүкө өкчөшөт. Кимдин чүкөсү алчы консо «кан», таа конгону «вазир» болот. Чик конгону «ууру» болуп эсептелет да, вазир ууруну шап билектен кармайт. Канга карап: «Каным датым бар» – дейт. Кан: «Датыңды айт» – деп жооп берет. Ошондо вазир «бул ууру сенин жанга теңебес жоргоңду уурдап бара жатканда кармадым, буга жаза колдон» дейт же ушул сыяктуу «кылмыш жасаганын» айтат. «Капа болгон» кан «ууруга» ырдоого, бийлөөгө ж.б. буйрук берет. Ал жазаны аткаргандан кийин, кезектеги оюнчу чүкө өкчөп, оюн улана берет.
Келиш. Оюн тегиз жерде өткөрүлөт. Чүкө тизилүүчү жана тизилген чүкөлөрдү атуучу жер белгиленет. Атуу аралыгы ойногондордун жаштарына жараша 2 метрден 8 метрге чейин болот. Ойноочулардын саны чектелбейт. Оюнчулар чүкөлөрүн белгиленген жерге алчы, таа кылып тизишет да, чүкө атуучу жерге келип турушат. Ар биринде бирден сака болот. Кезек менен сакаларын тизилген чүкөлөрдү көздөй ыргытышат.
Кайсы оюнчунун сакасы тизилген чүкөлөрдүн бирине алгач тийсе же жакын түшсө, ал оюнду баштайт. Калгандары сакаларынын тизилген чүкөлөргө чейинки түшүү аралыктары боюнча кезек түзүшөт.
Оюнду баштоочу сакасы жаткан жерди сол же оң буту менен басып туруп, тизилген чүкөлөрдүн өзү каалаганын атат. Аткан сака чүкөгө тийбесе оюнчу жыдыйт. Кезек андан кийинки оюнчуга келет. Аткан сака чүкөгө тийип, сака тийген чүкө чик, ал эми сака бөк түшсө же чүкө бөк, сака чик түшсө, оюнчу «келди» деп туруп чик же бөк чүкөнү утуп алат да чүкө атышын улантат. Ошентип, оюнчулар кезек менен чүкө атышып, акыркы чүкө «келгенге» чейин ойношот. Эгер аткан оюнчунун сакасы чүкөгө тийип алчы консо, анда атылган чүкөнүн кандай түшкөнүнө карабастан оюнчу аны утуп алат. Чүкө да, сака да өңчөй чик же бөк түшүп, же сака таа консо, «утуш жок таш» деп аталат. Андан кийин оюн кайрадан башталат. Оюндун акырында чүкөнү көп «келтирген» оюнчу утат.
Кен. Оюн таза, тегиз жерде ойнолот. Оюнду 2–6 бала ойнойт. Балдар 2–3төн өнөктөшүп ойношот. Ар бир бала бирден чүкө кошуп, топтолгон чүкөлөрдүн бирин алчы, бирин таа кылып тегерете тизишет. Эгерде чүкө тизүүдө байкабастан бардык чүкөлөрүн бир өңчөй алчы же таа тизип алышса, анда оюнду карап тургандардын бири: «Чур болду», – деп угуза айтып туруп, тизилген чүкөлөрдөн бир чүкөнү өз пайдасына алат. Чүкө тизилген жер же тизилген чүкөлөр «кен», же «борбор», же «оп» деп аталат. Илгери кыргыздар эгин бастырууда унааларды байлоо үчүн кырмандын ортосуна орнотулган түркүкчөнүн түбүн «оп» деп аташкан. «Оп» ошондон келип чыккан. Ойноо кезегин түзүү үчүн ар бир өнөктөн бирден оюнчу сакаларын калыска беришет. Калыс сакаларды калчайт. Калчаганда бири алчы, бири таа конуп, калганы чик же бөк түшсө, алчы саканын ээси биринчи, таа саканын ээси экинчи болот. Калчаганда сакалардын бардыгы алчы же таа, же эки алчы, же эки таа, эки бөк, же эки чик түшсө, сакаларды кайтадан калчайт. Ошентип, калчаганда бири алчы, бири таа конуп, калган сакалар бөк же чик түшсө, алчы конгон саканын ээси үчүнчү, таа конгон саканын ээси төртүнчү кезекке ээ болот. Ойноочулардын санына жараша сака калчоо ушундайча улантылат. Ошентип, ойноо кезеги түзүлөт.
Акыркы өнөктүн оюнчуларынын бири өз өнөктөрүн коргоо үчүн сакасын кенге жакын жерге чыгып, кендин жанына чөк түшүп отуруп сакасын өкчөйт. Өкчөгөндө сакасы консо кендеги чүкөлөрдү сакасы менен бирге калчайт же колунун сырты менен чогуу шилейт. Бул учурда сакага окшош түшкөн чүкөлөрдү сака ээси утат. Эгерде сакасы конуп, калган чүкөлөр бөк, чик болсо, чүкөлөр кайра калчалат. Андан ары качан гана өкчөлгөн чүкөлөр сакага окшош түшпөй калганда ойноо кезеги кезектеги оюнчуга келет. Андан кийин биринчи чыккан оюнчу кендеги саканы атат, же өз сакасын өкчөйт. Өкчөгөндө сакасы консо, кендеги саканы атат, б.а., «өлтүрөт».
Кендеги оюнчу сакасын өкчөбөй эле чыкса, анда кезектеги атаандашынын сакасын өз сакасы менен атат. Сакасы атаандашынын сакасына тийсе, тийген саканын ээси оюндан чыгат. Эгер сака тийбей калса, сака атуунун кезеги сакасы атаандашынын сакасына тийбей калган оюнчудан кийинки оюнчуга келет. Атаандашынын сакасы атканда сака ага тийбей, бирок конуп калса, ал атаандашынын сакасын атууну улантат. Аткан сайын сака атаандаштарынын сакаларына тийип, сака ээлери оюндан чыга берсе, акыркы оюнчуну оюндан чыгарган оюнчу кендеги чүкөлөрдү утуп алат да, уткан чүкөлөрдү өз өнөктөрү менен тең бөлүшөт. Андан кийин оюн кайра башталат.
Бул оюнду жекеден ойношсо да болот. Биринчи кезектеги оюнчу кенди сол буту менен басып туруп, сакасын каалаган жакка – кенден 10–15 метр алыстыкка чыгат, б.а. ыргытат. Ал сака алчы же таа консо, сакасы түшкөн жерден кендеги чүкөлөрдү атат, же сакасын өзү каалаган жакты көздөй ыргытат. Экинчи кезектеги оюнчу кезеги келгенде сакасын өзү каалаган жакка чыгат, же биринчи чыккан саканы атат.
Ошентип, ар бир оюнчу өздөрүнөн мурда чыккан сакаларды атат, же сакаларын башка жакка ыргытышат. Оюнчу атаандашынын сакасын атканда ал сакага тийсе тийген саканын ээси оюндан чыгат. Муну «өлдү» деп аташат.
Коюмтап. Эки же андан ашык оюнчу катышат. Ортого тең өлчөмдө чүкө чыгарышат. Канча таа жана канча бөк же канча алчы жана канча чик конгондо оюнда утаары алдын ала макулдашылат. Мисалы, калчаганда 2 таа, 4 бөк түшсө деп макулдашылса, калчаганда чүкөлөрдө 2 таа жана 4 бөк түшкөн болсо калчаган киши алат, андай болбосо ошончо чүкө кошот.
Ат калчашып оюнду башташат. Чогулган чүкөлөрдү баштаган оюнчу жая калчайт. Андан кийин кезек кийинки оюнчуга келет. Оюн ушнтип улантыла берет.
Көтөрмөй. Эки же үч бала ат калчашып, кимдин сакасы конбой калса ал чийинден 3–6 м алыстыкка сакасын таштап, калгандары чийинден анын сакасын атышат. Кимисиники тийсе, аны сакасы түшкөн жерге чейин көтөрүп барат.
Кыйыр. Оюнга эки же андан көп бала катышат. Катышкандардын баары бирден чүкө тигип сака калчашып, кезек менен атышат. Биринчи атып чүкөгө тийгизген жана сакасын айкүр тургузган бала бүт чүкөнү алат. Эгер атканда сака бөк жана чүкө чик түшсө (же тескерисинче түшсө) ошол аниси болгон гана чүкөнү алат. Сака чүкөгө тийип таа консо (же чүкөгө тийбесе), чүкө алынбайт. Оюнчулар бир сыйра атып бүткөн соң экинчи сыйра атышууда кимдин сакасы чүкөлөрдөн алыс болсо, ошол биринчи атат да, чүкөгө тийгизип, сакасы кыйырдай (чүкөлөрдү кол менен шилей) турган жерге түшүп, сакасы айкүр турса, бүт чүкөнү алат. Эгер кыйырга эңкейип жетпей, жер таянып жетсе, «тайнеке-сулаке» деп биринчи озунуп айтса, жата калып сакасы менен чүкөлөрдү шилеп алат. Эгер андан кийин атуучу балдардын бирөө озунуп «тайнеке-сулаке меники» деп койсо, ага чейинки балдардын эч кимиси жата калып шилебей, жалпы тартипте чүкөнү мээлеп атып түпкө жакындап, кийинки кыйырдоочу кезегин күтөт. Оюн ушинтип улана берип, тигилген чүкөлөр бүткөндө кайра башынан ойнолот.
Өкчөмөй. Үй ичинде ойнолот. 3–4 бала ойнойт. Ар биринде бирден чүкө болот. Ат калчоо менен оюнчулардын кезектүүлүгү аныкталат. Баштаган оюнчу чүкөсүн өкчөйт. Алчы консо 2 упай, таа консо 1 упай алат. Эгер чүкөсү конбосо кийинки оюнчу өкчөйт. Эгер чүкөсү улам консо, улам өкчөй берет. Ким көп упай топтосо ошол утат. Ал утулгандарды чекеге чертүү укугуна ээ болот (же ырдатып, бийлетет).
Өлдү. Эски оюндардын бири. Оюнду 5 жаштан өткөн 2, 3 оюнчу жекече же 4 оюнчу экиден өнөктөшүп ойносо болот. Аянтчага айлана чийилип, анын ортосуна оюнчулар бирден же экиден чүкөлөрүн биринин үстүнө бирин тигишет. Оюнду баштаган оюнчу каалаган жерине сакасын өкчөйт. Сакасы конбосо ошол жерде туруп калат. Эгер консо тигилген чүкөлөрдү атат. Атканда чийинден чыккан чүкөлөр ошол оюнчунуку болот. Андан кийин сакасы кайсы жерге келип жатып калса, ошол жерден дагы атат. Атканда сака чүкөгө тийбей, бирок конуп калса дагы атса болот. Ошентип, ал оюнчу чүкө чыгара албай же сакасы конбой калганга чейин ойнойт. Андан кийин оюнду экинчи оюнчу улантат. Ап биринчи оюнчунун сакасын айлананын чийинин басып туруп «өлтүрө» атышка аракет кылат. Же болбосо каалаган жерине сакасын өкчөйт. Конбосо ошол жерге туруп калат, консо атаандашынын сакасын же айланадагы чүкөлөрдү атат. Андан кийин үчүнчү оюнчу ушул сыяктуу эле оюнду улантат. Ким атаандашынын сакасын «өлтүрө» атса, сакасы «өлгөн» оюнчу оюндан чыгат да, уткан чүкөлөрүнүн баарысын «кусуп» берет. Кустурган оюнчу оюнду улантат. Түптө калган (эң акыркы) оюнчуга кезек жеткенде ал сакасын түпкө өкчөйт. Сакасы консо айланадагы чүкөлөрдү атса да, атаандаштарынын сакаларын атса да болот.
Таа. Айкүр оюнуна өтө эле окшош. Чүкөлөр кыйырга тизилип, сакалар калчанат. Кимдин сакасы таа консо, ошол оюнду баштайт. Айкүрдөн айырмасы атканда сака кыйырдагы чүкөлөргө тийип, бөк түшсө бөк түшкөн, чик түшсө чик түшкөн чүкөлөрдү алат. Сака чүкөлөргө тийбей же таа консо кайрадан атат. Чүкөлөргө тийип, сакасы таа консо кыйырдагы чүкөлөрдүн бардыгын шыпырып алат. Сакасы алчы конуп калса, калгандары аны «өлтүрүшкө» аракет кылып, сакасын «өлтүрө» аткан оюнчу анын уткан чүкөлөрүн «куздуруп» алат.
Таламай (чокон атуу). Оюнга эки же андан көп оюнчу катышат. Ортого 2–3төн чүкө чыгарышат. Ортодон бир чүкөнү тандап «чокон» аташат. «Чокон» кандай конгондо ортодогу чүкөнү талап алышары макулдашылат. Мисалы, алчы конгондо деп макулдашылса, чокон алчы конгондо оюнга катышкандар ортодогу чүкөнү тез жана ар ким колунан келишинче көп талап алууга аракеттенишет. Жаңылып калып, чокон таа конгондо ортодогу чүкөгө кол салып жибергендер да болот. Мындай учурда ал айып тартат, башкача айтканда, ортодон канча чүкө алса ошончо чүкө кошот же оюндан чыгарылат. Оюн чүкөлөрдү кезектешип калчоо менен улантылат.
Ал эми ордо оюнунда чүкөсү артык тарап тургандардын бирөөсүнө арнап, кан ордого бир чүкө салып, бир оюн аттырат. Ал чүкөнү канча болсо да атып чыгара берүүгө акылуу. Эгер ичке түшсө, үч чүкөдөн ашык черте албайт. Кадамык кадаганга, тоорумак тооруганга болбойт. Чокон атуучу андан ары башка оюнчулар сыяктуу эле оюн эрежелерин аткарат.
Үч тапан. Бул оюнду бир нече бала ойносо болот. Ар бир баланын бирден сакасы жана каалаганча чүкөсү болушу керек. Чийин чийилет. Сака калчашат. Кимисиники консо, ошол сакасын 5–10 арыш жерге жүрөт. Калганы чийинден ошол саканы атат. Сакага тийип, ал жаткан жеринен үч тапан (беш тапан) жылса уттурат, б.а., саканы чыгара аткан оюнчуга жаткан саканын ээси бир чүкө берет да оюндан чыгат. Калганы кайра ойнойт. Эгер аткан сака жаткан сакага тийбесе тийбеген сакалар кайсы жерге барып түшсө, ошол жерде жатууга тийиш.
Ошентип, баары ойноп бүткөндөн кийин биринчи атылтан саканын ээси тегерегинде жаткан сакалардын каалаганын атат. Атканда үч тапан (беш тапан) чыкса утуп алып, башка сакалардын каалаганын дагы атат. Үч тапан чыгара албаса кезек кийинки балага берилет. Оюн ушинтип улантыла берет. Эгер оюндун акырында эки эле бала калса, оюн бири утканга чейин ойнолот.
Чур кармоо. Бир бала чүкө ойноп жаткан балдардын жанына барып туруп калат да, балдар чүкөлөрүн тизип, мындай чыгаары менен «чурр» деп, тизилип турган чүкөлөрдү шыпырып алат. Балдар ага макул болушат. Ал бала чүкө өкчөп «чик болсо өзүмдүкү, бөк болсо силердики» деген шарт коёт.
КЫРГЫЗДЫН ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫ
Каада-салт, үрп-адат жана ырым-жырымдардын элибиздин жашоо-тиричилигинде тарбиялык-таалим берүүчүлүк мааниси эң зор. Тирүүчүлүктө адам баласы кадыр тутуучу мындай өрнөктөр кийинки муундарга рухий байлык. Көбү унутулуп барууда. Ошондуктан, түшүнүктүү болуш үчүн аларды мүмкүн болушунча чечмелей кетүү эп.
Акты «куу» дейт. Мында мал-жандын, буюм-тайымдардын өңү-түсү тууралуу кеп болот. Адамда аппак сакалдууну «куу сакал» дейт, аппак мурутчанды «куу мурутчан», байбичелерди «куу чач», аппак чүкөнү же томпойду «куу чүкө» же «куу томпой» дейбиз. Мындай көрүнүштөр айбанга карата да айтылат. Ак тайганды «куу тайган», ак итти «куу дөбөт» дейт. Малга карата да айтылат. Ак атты «боз ат, көк ат, кызыл ат» дейт.
«Аркан чыйратып жатканда түбүнөн кесип өтпө». Бул – элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн узчулугуна байланыштуу ырым. Алсак, «өрмөктү аттаба, кыя өтпө, килем дүкөнүнүн эришин тепсебе, чеберлер кармап жаткан жип, жүн өңдүү жердиктерди тепсебе» дешет. «Балаңа шалча согуп, килем токуп бер» – деп, кичине жип-шуу ырымдаса аны алып, жолдугуна аларга тамак даярдап, ошол узданган жерине келип берет, бата алат. Аркан чыйратып жаткандагы ырым да ошого маанилеш. «Балаңа чылбыр, аркан эшип бер» – дейт. Бул – жасалып жаткан иштин шар жүрүшү үчүн өзүнчө ырым-жырым кармоо. Мисалы, чабылуучу күлүктү токуп жатканда маңдайына адам турбайт, же алдынан жанды кыя өткөзбөйт.
«Арыктагы сууга какырба да, түкүрбө». Бул – аш куйган аякка, алдыдагы тамакка түкүрүү менен барабар.
Себеби көрөөр күн, ырыскы суудан башталат. Жан- жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жашоочу абалы сууга байланышат. Суу болбосо, турмуш жок. Суу, аба, күн болбосо, жашоо жүрбөйт. Ошон үчүн элибиз: «Аккан сууга түкүрбө», – дешет, аны ашыңды, аш куйган аягыңды сыйлабоо катары карашат. Суу – ыйык. Аны ичебиз, кечебиз, сугарабыз. Ушундан улам айрым теңиз, момун адамдарды аккан суудан, чыккан чөптөн башкага зыяны жок дейбиз. Ошондуктан кол жууганда суу куйган адамга: «Өмүрлүү бол, суудай сулуу бол, суудай мол бол, суудай тунук, тынымсыз агып тур» дешет. Алыс сапардан аманэсен кайткандардын башынан суу тегеретебиз. Түндөсү суу куюлган идишти ачык койбойт. Отту суу куюп өчүрбөйт. Агын сууну чачып ойнобойт. Жууган колду силкпейт. Ошонун баары сууну теңир катары көрүүбүз.
«Ат жалына бут чыгарба». Кыргыздарда ат жалы өтө ыйык катары каралат. Алыс сапарда ат үстүнөн аңгеме сандыгы чечилген. Аны: «Ат жалында казан ас» – дейт. Айыл араласаң ат үстүнөн аякка суусун сунушат. Аны аттын ыйык жалына акырын тийгизип, «бисмилланы» айтып, анан ооз тиет, шак жутуп жиберет. Мына ушундай жерде айрымдар кош бөйрөгүн таянып, аттын жалына буттарын чыгарып туруусу, демек, ал адамдын текеберчилиги, ашкан көпкөндүгү, мансапка, байлыкка чиренүүчүлүгү, улуу-кичүүлөрдү көзүнө илбөөчүлүгү, манчыркап кетүүчүлүгү деп гана жоруйбуз.
Аял адам малдаш токунуп отурбайт. Аялдар үчүн сыңар тизелеп отуруу эптүү да, маданиятуу да көрүнөт. Узун көйнөк антип отурууга шартталат. Эркектердин арасында малдаш токунуп олтуруу аял-эркектин төрдөн орун алуусун анча айырмалай албайт. Үй ээси эркек болгондуктан, аны туурап отуруу ургаачыларга олдоксон сезилет. Аялдардын эркектерче малдаш урунуусу теңчилик доордун тушунда, биз эркектерден кембизби деген чакта чыкты деп болжолдоого болот.
«Баш кийимиңди сатпа». Бул – ыйык кийим. Баш кийимди сатуу башты алуу менен барабар. Кыргыздын ак калпагы – баш кийимдердин ана башы. Ал – улуттук белги. Ала-Тообузду символдоштурат. Учур-шартка карай калпакты, тебетейди, элечекти, топуну баштан албай кийип жүрүү парзыбыз бар. Демек, баш кийим сатуу – башыңды сатуу. Бирөөлөргө бутташтырып жиберүүгө да түк болбойт. Атайын арналып жасалган аларды жыртылганча кийүү – баш кийимдерди барктообуз. Баш кийим эскирип баратса, бала-бакыра атасыныкы, агасыныкы, таяке-таятасыныкы катары жерге таштабай, жырта кийип коюшкан. Өнөр жай негизинде баш кийимдерди чыгаруу, сатуу, көрүнгөндөргө кийгизип жиберүү өңдүү обу жоктук кийинки жылдары ашынып кетти. Алар ак калпакты мончолорго, сугатка кийип, жылуу деп көчүктөрүнө басып, кор кармап жатканын көргөндө жүрөк-жүлүндү аралап өтөт.
«Башынан суу тегерет». Бул – башынын соо келишине карата жасалган ырым. Алтын башынын ар кандай тоскоолдуктарды жеңүүсү, адатта, алыс жол сапардан аман-эсен, ат-көл кайткан адамдын башынан байбичелер үч курдай суу тегеретет. Ошол чыныдагы сууга үч курдай түкүртүп, сууну чачып, чынысын көмкөрүп коёт. «Ат-көл, аман-эсен келди, кудайым берди» деген жадырап-жайнап тосуп алууну, жай ала түшкөндүктү туюндурат.
Бешик тууралуу сөз. «Бешикти кур терметпе», «Бешикти эки адамдап көтөрбөйт», «Бешикке өбөктөбө» өңдүү тескөөлөр жеринен бар. А чынында, энеси өбөктөп балага эмчек эмизет. Кээде эмизип жатып, куш уйкуну сала кетет. Бешикти энеси өңөрөт, өңөрүүгө бир киши алып берет. Ал эми бөлөнгөн баласы бар бешикти сооротуу же уктатуу үчүн ким болсо да термете алат.
«Бересенин аласасын кыстаба». Тирүүчүлүктө аласабересе боло берет. «Эр жигиттин малы элде жүрсүн, эриккенде колго тийсин» деген кеп бар. Жону жукалык кээде адамды тукулжуратат. Аласасын бере албай жүргөндөр үчүн Аксактын амырына кароо керек. Жокчулук жаба токунуп турган шартта кайра-кайра басмырлап доолашуу, албетте, бардарларга анча аброй алып келбейт. «Бул сааганым Сарбагыштын бээси, таңда келет ээси» дегендей болот, алды-бердиге адамдык ырайым болуш керек.
«Бирөөнүн кайгысына кубанба». Кыргызда: «Таба эмес, тобо кыл» деген накыл сөз бар. Кээде «ал ошону көрмөк», «мага да кылбаганды кылган, дебегенди деген», «көзүнө адам көрүнбөй калган» өңдүү кектешүүлөр да бар. Анан «кудайдан тапсын» деп да коюшат. Ошондой ыдык көрсөткөндөрдүн башына кайра кайгы түшүп турганда абалын сурап, көңүл бөлүп, кайгысын бөлүшүп, имериле калыш, мурун ортодон кыя өтпөгөндөй мамиле жасаш – сенин түпкүлүктүү адамдык касиетиң. Ошондуктан, мусулманчылыкта «кекти капырга жараткан» деп коёт. «Босогодо туруп, бой кербе». Бул – боз үйгө кирүүгө байланыштуу айтылган ырым. «Босого менен тең турба», «босого менен бойлошпо», «босогону баспай кир» өңдүү ырым-жырымдарды улуулар айтып, тескеп турушкан. Босогону кемире басып чыгуу – ичте кектин бардыгы. Эшикти аттай кирген жан дароо орун ала отурат. «Көчүк бас, сенин боюң менен тең кар түшсө, кайда барабыз» деген сөздү угабыз.
«Бирөөгө чыныны, тамакты оң колуң менен узат». Бул идишти сунуудагы адептүүлүк, маданияттуулук, ызааттуулук. Сунуп жатканда алуучу адамдын колун карап, илбериңки түз сунуу, ал идишти алаары менен оң колду тартып алуу, кайра бошогон идишти бутташтырбай алып, кайра сунуу керек. Оң кол турганда сол кол аркалуу бирөөлөргө бирдемелерди берүү – одоночулук, текеберчилик, билимсиздик.
«Бышкан, бышып аткан ашты таштаба». Албетте, таштап кетүү – кесир, ырысын тебүү. Ошол үйдүн дасторконун, от күйгөн очогун, кайнаган казанын, дөөлөттүү карысын сыйлабоо. Тамак бышып калса, ооз тийбей баса беребиз.
Кыргыздар – меймандос элбиз. Кайнап жаткан тамак үстүнөн бирөөлөр чыкса, ырыскылаш катары сүйүнүп, кел берилеп тосуп алат. «Тамак бышып атат», «бышып калды», «жай отур» өңдүү сөздөрдү айтуу парзыбыз бар. Таштап кетсең жол болбойт деп турабыз. Кээде, конок айттырып коюн сойдуруп, казанын кайнатып коюп күттүрөбүз же келбей коёбуз. Арийне, бул – ошол үйдүн шаабайын суутуу, барк албоо, нарк-насилди баалабоо…
«Даараткана оозун күн чыгышты каратпа». Бул – заараңды, улуу заараңды Чыгышты карап ушатып каласың деген сөз. Тактап айтканда, адатта, дааратканага киргенде кирип барып, күн батышты карап отурбайсың. Ошондой эле айткандай, Кыбыланы карап да даарат ушаталбайсың. Мында тийип турган Күндү ыйык тутуп, ага табынуубуз абзел. Баарыдан мурун тиричиликке жарык, жашоо чачкан Күн экенин туюп-билүүбүз зарыл.
«Жайнамазды, супураны тепсебейт». Бул – диндик ырым-жырым. Жайнамаз – намаз окуучу буюм. Ошол үчүн ыйык сезилет. Аны жайып, этегин тепсебей туруп, ошонун бетине жыгылат. Окуп бүтөрү менен аны төрт бүктөп тепсебей турган бийиктикке, адатта, жүк үстүнө коёт. Намаз окуй турган орунун да таза тутат. «Алла Таалага сыйынганың кабыл болсун, мусулман диндин касиетин таза сактасын» деген үмүттү туюндурат.
Ал эми супура болсо – ун-талкан элей турган буюм.
Албетте, дан улук, шариятта курандан данды жогору коёт, «Эгер нан кол жеткис жайда турса, Куранды алдыга коюп чыгып ал», – деп айтылат. Супура жерде жатпайт. Ун-талкан эленээри менен аны эбинде бүктөп керегенин башына, ашканага, аш ала баканга илгичи аркылуу илип койгон. Супура улагага илинбейт, жерге ташталбайт. Жайнамаз менен супура биринин ыйыктыгын бири толуктап жана аныктап турат.
«Жарым жолдон кайтпай жүр». Адам алыс сапарга аттанаарда, ат жалын тартып минээрде: «Бисмилла, ишим илгери болсун», – дейт. Алыс жолбу, жакын жолбу, баары бир максаттуу ишке аттанып баратканы белгилүү дечи. Ал жолдон айныса, анын туруксуздугу. Ат терин аясын, сапарды карытпасын – бул шыдыр жүр, бет алдыдан жалгасын дегенди билдирет.
«Жаш адам желбегей жамынбайт». Чынында, желбегей жамынуу кары-картаңдарга ылайыктуу сезилет. Себеп дегенде, алар сырт кийимдерин улам кийип, улам чечип отурууга караганда жамынып кирип-чыгууга, басууга, заара ушатууга, даарат алууга, намазга даярданууга оңтойлуу болот. «Бешиктен бели чыга элек жатып, желбегейчен аркы-терки басат» өңдүү сөздөр айтылган. Улуулардын көзүнчө минтип өзүн көрсөтүү – бир чети жаш адамдын төрөпейилдиги, тең санабоочулугу, манчыркап калгандыгы. Баарынан да, аксакалдарды көзгө илбей калууларынан да кабар берет. Андай жоруктарды көрүп тургандар да өзүнөн өзү коомай абалда калат. Ата-энелер да: «Балам, желбегей жамынып, көпчүлүккө көрүнбөчү» – деп туруучу.
«Тамакка сынтакпа». Бар тамак – ырыс-кешик. Бирөөнүн сен үчүн жайган дасторкону – анын ак пейили. Демек, ошол үйдүн берген тамагы – анын дымагы. Чайга, нанга, жармага, айран-сүткө ж.б. ыраазы болбой, казан аспады, кой-козу сойбоду, каадалуу конок кылбады дейбиз. «Пайгамбар – барга назир, жокко кайыл». Бар тамагын жаркылдап алдыңа койсо, басмырлап ичкен тамакка караганда аш болумдуу болору белгилүү. Мында сыпаакерчиликти, бирөөлөрдүн даамын баалоону биринчи орунга коюубуз тийиш.
«Тамакты дасторконсуз ичпе». Мында абалы дасторкон жайылат. Ал – ошол үйдүн, үй ээсинин пейили. Бата тамакка эмес, ошол дасторконго тиленет. Мунун артында «басып-туруп тамак жебе, көчүк басып ич, баш кийимди тамак ичээрде алба, бирөөнүн дасторконун сыйла» деген накыл жатат. Талаа-түздө, сапар жолдо, албетте, азыкты ичип-жеште дасторкон ордуна сөзсүз алдына бирдеме коёт. Жеп-ичип бүткөндөн кийин бата ошого тиленет.
«Таң атаарда жолго чыксаң чык, күн батаарда жолго чыкпа». Адамдардын сапары, адатта, таң заардан таңкы насипти ичип-жеп, анан «бисмилла» деп аттануудан башталат. Кышта: «Таңкы суукка калсаң кал, кечки суукка калба» – деп да айтылат. Белгилүүдүр, эртең менен айланага күн тиет, сууктун илеби кайтат. Кечте суук кайратына келет. Анан түнкү жол арбыбайт. «Жердин эни жазылып кетет» дешет. «Түн каткан жалаңкычтай болуп» – дейт. Бирөөнүн үйүнө куучудай иттерди абалатып жоошуп жаткан тынчтыкты бузуп, түн жарымында түшүү да жакшы жорук эмес. Кыргыздар конок маалын тушташтыра барып түшүүнү жактырышкан.
«Таңкы насипти таштаба». Кыргызда: «Эртең менен жолуң болсо, кечке дейре таскагыңды жазба» дей турган. Ал эми таңда туруудан, жуунуудан кийинки эртең мененки иш насипти ичүүдөн башталат. Бул – ырыскыңды, шыбагаңды көрүп кет дегендик. Ичип-жешке табитиң тартпаса, «бисмилла» деп ооз тий, «оомийин» деп бата кыл. Ал ырыс-кешик сени күтүп тургандай сезилет. Бир жакка жөнөрдө: «Ата-а, үйдөн наар албай кетти эле, эми жолу болор бекен?» өңдүү сөздөр пайда болот. Ошон үчүн таңкы насип сага жолдоштой туюлат. Ошондой эле эртең менен жаман ооз сүйлөбө, ал кечке чейинки иш-аракеттерге таасир тийгизет. «Иштин башы ишемби» дегендей, ал күнү аткарыла турган ой-максаттар көңүлдүү, шайдоот болушу ыктымал.
«Тулганы теппе». Бул – кызыл отту жалындата жагып, казанды асып тамак-ашты бышыруучу буюмду тээп, текеберчилик кылуу, отко, ошол үйдүн казан-ашына шек келтирүү. Очокту бузуу менен барабар. Мындайча айтканда, ырысын-кешигин тебүү. Тулганы теппе, бутуң ооруйт, казан-аштын, идиш-аяктын убалына каласың деп турушкан.
«Туткучту баспа». Туткуч – тутуп бирдемелерди кармоочу кийиз буюм. Ал аркылуу тулгага, очокко казан асылат. Чайнек коюлат, кайнаган чай алынат. Демек, тамак жасалат, бышкан тамак ал аркылуу кармалып чыгарылат, түпкүчкө коюлат. Туткучтан кол күйбөйт. Ошону менен ысыктыкты кармайсың. Ордуна коёру менен туткуч өйдө илинет. Бул – аны баспа дегени. Илгери «бутуң ооруйт» дечү. Тамак-аш бышкан идиштер аркылуу туткуч ыйыктай сезилет. Түпкүч тууралуу да так эле ошондой түшүнүккө ээ болобуз.
«Түштү жаманга жоруба, жакшылыкка жору». Адатта, адамдын түшүнө эмнелер кирбейт. «Түштүн башы чарадай, моюну кылдай» дешет. Күндүзү эмне ойлосоң, ошого да байланышат. «Түшү оңолмоюн, иши оңолбойт». «Түшүң түлкүнүн богу, туба, туба», – деп коюлары ошондон. Түш бир чети үмүт. Жакшы түштү кеп билги адамдарга жорутат. Ырым-жырымдын шартында ал оңго бура жоруп коёт. Мында да адептүүлүк, маданияттуулук билинет. Негизи, түштүн көрүнүшү уктоого, тынчтыкка, кадыр-көңүлгө, ооруп жатканга, абдан кыйналганга, жайсыз салынган төшөккө байланышат. Ошондо көңүлдү жубата турган түш жоруубуз зарыл.
«Капталдан качырып сөз катпа». Элибиз адеби жок жигитти жүгөнү жок атка окшоштурган. Сөз сүйлөө – өтө өнөр. Аны уга билүү, ал андан бетер жөндөмдүүлүк. Аңгеме учугу кайда сапталып баратат, угуучу айтуучуга алдыртан шык тартуулап отурган. Куйма кулак ар бир сөздү кулактын учу менен жибербейт. Улуулар сүйлөп жатканда ортодон үн катуу, качыра сөз айтуу – тиги айтуучунун сөз тизмегин бузуу. Экинчиден, сөзгө конок бербөө өзүнүн адебине доо кетирүү. Андай көпчүлүктүн назарына түшкөн аңгеме ал кызыгабы, кызыкпайбы, буга карабастан ошол отурушту сыйлоосу парз.
«Колуңду артыңа алба». Адатта, адам колду артына алат. Аркы-терки басып калат. Кээде андай көрүнүштү бекерчиликке жоруйбуз. «Колун артына алып эле басып калыптыр», – дейбиз. Бирок улуулардын көзүнчө антип туруу одоно көрүнөт. Мында теңсинбөө билинет. Колду алдыга алып, көкүрөккө кысып туруу – мусулман элдеринде кичипейилдиктин белгиси.
«Эки колуңду башка жаздап жатпа». Бул – текеберчилик, мансапкордук, башкаларды көзүнө илбөөчүлүк.
Карап чыккандарга мартабалуу көрүнүшү, өзүн өзү кыйын саноосу. Анча-мынча дөөлөткө дөгүрсүнүү.
«Эки бөйрөгүңдү таянба». Таянуу эри өлгөн аялдын, же бирдемеси өлгөн эркектин кошогун, өкүрүгүн элестетет. А чынында, мансапкордукту, манчыркоочулукту туюндурат. Улуулардын көзүнчө ошол адамдын куу чирендигин айкындайт.
«Күлгө даарат ушатпа». Мында сөз тезек-көңдүн күлү тууралуу болуп жатат. Күл төгүлүүчү жер дөңсөөгө айланат. Ал – кызыл оттун таштандысы. «От менен ойнобо», «отко сийбе», «отту суу сээп өчүрбө» сыяктуу ырымдардай эле күлгө даарат ушатуу, бала-бакыралардын чамбылала күлдү челип ойноп отурушу эрөөн-төрөөн. Муну илгери тескеп, «сезгенип калышка» жоруй турган. Ошондуктан, аны обочороок жайга төгүп, күл өзүнчө додолонуп турат. Үйдүн тегерегинде дубал түптөрүнө атайын күл төгүшөт. Демек, кээ бирөөлөр даарат ушатпасын, тегерек-чет таза турсун деген ой.
«Күйгөн отко түкүрбө». Бул оттун ыйыктыгын билдирет. Аба, суу, от адамдын жаны, жашоосу менен барабар. Ар бир адамдын өз коломтосу ыйык. Көпчүлүк элдер отко сыйынат. Коломтоң өчпөсүн деп турат. Отту теппе, отко суу куюп өчүрбө, отту бут менен ичкелештирбе өңдүү накылдар улуулар тарабынан айтылып келген.
«Көрүстөндөрдөн өтөөрдө келме келтир, куран окуп кой». Албетте, анда арбактар жатат. Маркумдарды сыйлоо керек. Алардын бул жалган жана жарык дүйнөдөгү эл үчүн жасаган эмгек тирүүчүлүктөгү вазийпасы көпчүлүктүн эсинде турат. Ошол ойго келет. «Бул жерде баланча жатат, түкүнчөнүн сөөгү ушул жайга коюлган» – деп касиеттүүлөрдүн күмбөздөрү, коргондору тууралуу айтылып келет. Тирүүчүлүктөгү ата-энелер, ага-туугандар ушунун тушунан өткөндө кайрадан ойго кылт этет. Арбактарды урматтоодо тушунан аяр бастыр, машинеңди акырыныраак айда, кези келсе түшүп куран багышта, бата кылып өт. «Келээр жерибиз ушул» деген чындыкты моюнга парз кармообуз керек. Бейитти, көрүстөндү колуң менен көрсөтпө… жана башка сөздөрдү айта жүрүүбүз тийиш.
«Мал короого даарат ушатпа». Мында төрт түлүктүн ар кандай түрлөрү болот. Мал жүргөн жерге улуу заарага отуруу, даарат ушатуу, заара кылуу – адалдыктан тануу, наадандык кылуу болот. Мындан малга оору пайда болот. Эмчектери ооруйт, сезгенет. Ошондуктан, малкананы таза тутуу зарыл. Анда көң уютасың, ал эми көң болсо – айылдык турмуштун негизги отуну. Зооветеринариялык тазалыкты кыргыздар жеринен талаптагыдай тутуп келишкен.
«Миздүүнүн мизин каратып койбойт». Бул – көбүнчө бычакка карата айтылат. Бычак кырынан жатуусу тийиш. Анын чалкасынан мизи асманды караса, үй ээсинин, же бычак (маки) ээсинин дайыны жок эле бырчылдата мал союусуна, бычагы өтө курчтугуна жорушат. Ошондуктан, мындай жаткан бычакты көрсө, адатта, анын мизин антип каратпай, ондоп коёт. Балта, керки, кетмен, чөп чалгы, кайчы өндүүлөр тууралуу да мына ушундай өзүнчө түшүнүктөрү болсо керек.
«Мойнуңа куруңду салба». Кыргыздардын элдик адатында бир күнөөгө батса, мойнуна курун илип, ошол улукка, же күнөөдөн жабыр тарткан адамга барган. Алдына чөгөлөгөн, кечирим сураган. Бул – чоң күнөөгө кириптер болуу. Мал башын тартуулоого дейре барган. «Мойнуңа куруңду илбе» деген мына ошондой абалда калба. Ал жакшы жорук эмес» дегенди эске салат.
«Нан менен бычак аарчыба». Бул – мусулманчылыкта кесир. Дүйнөдө эң улук – нан (токоч). Ал – аш-тамактын башаты. Дасторкон жайылганда дүйүм тамактардан мурун, «бисмилла» деп, нанды ооз тиебиз. Бала-бакырага, келди-кеттилерге «нан ооз тийгиз» дейбиз. Албетте, анын ыйыктыгы ушундан билинет. Ошон үчүн бычак менен нан тууралат. Кесме кесилет. Акыры аны менен майлуу бычакты аарчуу кийин чыккандай сезилет. Бул башка диндеги өкүлдөрдүн таасири болсо керек. Бизде болсо: «Нанды көмкөрөсүнөн койбо», «нанды тепетең үз», «нандын күкүмүн терип же», «нан – ырысың, насибиң» – деп айтылат. Себеби туз буюрган жерге барасың, даам татасың. Дандырдан нан түшсө ысырыктап кой. Ооба, мындай ырымдоо – бир чети накыл.
«Насиптин алдын башкага бербе». Тамак-аш жасаган адам – ошол үйдүн очогун туткан адам. Анын тузун татытат, бышканын, быша элегин байкайт. Бышты деп чыгарат. Анын даамдуулугун дагы билүү үчүн ооз тиет. Абалы төрдө отурган байбичеге даам таттырат. Айрым келин-кесектер ырым кармап, оорусу жугат, талмасы жугат – деп, тамактын алдын өзүнөн мурун кайын энесине сунат. Кээде төрдөгү мейманга сорпо сунат. Ал да байкайт. «Конок бышты десе, ала бакандагы эт бышат». Кыскасы, насиптин алдын башка бирөөгө бербөө – бул насипти өзүң ооз тий, насип ээси – ошол үй, тамак-ашты жасаган жан. Ошонун жоопкерчилиги жогору турарын туй дегени. Кыргыздар сабадагы кымызды ооз тийбей, башкаларга сунбайт. Анын кандай ачыганын өзү билет. Деле жарманы, кымызды, бозону минтип ооз тийип коюу абалкы адаттай сакталып келүүдө.
Наристе тууралуу сөз. Кыргызда наристеге байланыштуу бир топ ырым-жырымдар айтылат. Мисалы, «Балага жаңы кийим кийгизээриң менен өөп кой», «Атың аксаса, баланын заарасы менен бутун жууп кой», «Баланын кир суусун караңгыда сыртка төкпөйт», «Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка калтырба», «Баланы таманынан өппө», «Жалгыз уктаганда башына нан, бычак кой» сымалы ырым-жырымдарда, биринчиден, анын бул турмушта тазалыгын, сүттөн актыгын билдирүү, экинчиден, шайтан-шабырлардан алыс болуусуна, чочубай уктоосуна кам көрүү, үчүнчүдөн, анын периштелигине ак дилден мамиле жасоо, төртүнчүдөн, аларга бир илдет жугузуп албоодон сактануу бар.
«Отту теппе, шамалды сөкпө». От ыйыктардын ыйыктарынан. Ал адамзаттын жашоо-тиричилигиндеги табынуучу касиетке эгедер. Кудай Тааланын эл-журтка берген шыбагаларынан. Көпчүлүк элдер отко, сууга, абага сыйынат. Муну тебүү, тээп сөгүнүү, тээп өчүрүү – Алла Тааланын амирине шек келтирүү. Шамал абага кирет. Табияттын буйругу менен шамал согот, жел жүрөт. Табият каарына алса, бороон-чапкын болот. Шамалдын күчүнө эч бир жан тоскоолдук кыла да, чыдап тура да албайт. Эр болсоң күйүп аткан отту тээп, шамалды сызгырылтып сөгүп көрчү, жаратылыш жаатынан жазага тартыласың.
«Өлгөн жерге барганда оорулууну сураба». Арийне, өлүк чыгып жаткан жер – коогалуу учур. Каза жутуп, кайгырып турган орунда бирөөлөрдүн ооруп жатканын угуп, өлүккө барып алып, аны көрүүгө кирүү, абалын суроо өтө оңтойсуздук.
Жаны кыйналып жаткан пендеге ал оор тиет. Анын кийинки ахыбалына доо кетирип алабыз. «Мурун келип эмне сурабады экен?…». – дейсиз. Жаманчылык алдыга элестеп туруп алат. Мындай жерге келгендер башка мүшкүл жерлерге кайрылбайт. Ошол орундан мындай жорук мына ушуну менен чыгып кетсин деген ойдо шарт аттанып кет.
«Узак сапарга чыгаарда ачууланба». Адатта, алыска аттанаарда эр-азамат эл-журттан бата алып жол тартат. Ал үчүн мал курмандыкка чалынат. Кыбыланы карап, кары-жаш катар туруп, анын аттанаар сапарын тилейт. Ал маңдайын жарып, батаны кабыл алат да, шарт бастырып кетет. Мында эл-журту ак тилектери менен алкап калат. Так ушундай маанайда ал алыс жолдон келет деген ырым көкүрөктө уялайт. «Кап, үйдөн ачууланып аттанды эле, деги сапары жакшы карыса экен» сымалы күдүк ойлор болбоосу тийиш. Эл-журту кандай жөнөтсө, ошондой маанайда тосуп алууга куштар болуп турушат.
«Үйдө туруп ышкырба». Кыргыздар ышкырыкты анча сүйбөйт. Басса-турса ышкырынган бала-бакыраны адепсиз, тарбиясы тайыз катары көрүшкөн. «Көргөн-өскөнү жаман» дешкен. Ал эми үйдө отуруп ышкырынса ого бетер олдоксон угулат. Дайыны жок ышкырынса, «Тишиңе таш тийгир» деген каргышка чейин айтылган. «Айдаганы беш эчки, ышкырганы таш жарат». А чынында, ыксыз ышкырууну көпкөндүктүн белгиси катары карашат.
«Шымыңды башка жаздаба, өтүгүңдө төргө илбе».
Адатта, мусулмандар жатууга чечинүүсү буттан башталат. Аны аякка таштайт. Шымды чечип, жууркан алдына таштайт.
Төшөккө кирип, көйнөктү чечет да, жаздыктын башына коёт. Шымды башка чыгаруу, көйнөктү аякка таштоо, өтүктү төргө чечүү, төбөңө илип коюу – бул ар бир кийимди чечүүнүн адептүүлүгүн, шарттуулугун, маданияттуулугун жоготуу. Кыргыздар антпей, аны ата салты, эне адеби катары көрүп келишкен. Албетте, мындай жагдайларды улууларыбыз кичүүлөрүбүзгө айта жүрүүлөрүбүз тийиш.
Шыпыргы тууралуу сөз». Шыпырынды жерге отурбайт», «Шыпыргыны тике койбойт», «Шыпыргы менен бирөөнү чаппайт» – дейт. Негизи шыпыргыны жерге таштап коёт. Мында шыпыргы менен бирөөнү (өзгөчө эрин) чабуу аялдар үчүн өтө чоң күнөө болуп эсептелет. Бул – бирөөнүн болбосо да башканын каргышына калуу деген сөз. Карысын, күйөөсүн шыпыргы менен чапкан зайыптардын кийинки тагдыры тууралуу эл арасында кеп-сөздөр бар. Арийне, үй ээси – эркек, анын эркектик касиеттерин ургаачылар сезе жүрүүлөрү тийиш.
Чайдын чамасын булганч жайга төкпөйт. Ал – тамак- аштын калдыгы. Чаманы көпчүлүк жерлерде атайын жыйнайт. Аны жандар баспай турган жайга, таза жерге көөмп коёт. Көпчүлүк жерлерде жүзүмдүн түбүнө төгөт, баарыдан мыктысы, чайдын нымдуу чамасы менен килемди жана башка түктүү, түксүз буюм-тайымдардын үстүнө сээп, шыпырып тазалоо оңтойлуу болуп саналат.
«Чачыңды тепсендиге таштаба». Чач алынары менен анын ар талын калтырбай шыпырып алат. Аны акырчикирге ыргытып жиберүүчү эмес. Кичинекейлердин чачын алганда өзүнө тердирип: «Ме, мөмөлүү дарактын түбүнө көөмп кел» – деп туруучу. Бул – чачы бат өссүн, коюу өссүн, кичинекей кыздардын чачы узун өссүн, өрүмү жоон, мыкты болсун деген тилек. Чач калың, кайраттуу чыксын өңдүү тилекти да ичине камтыйт.
«Эркек адамдын үстүнөн жана кийиминен аттабайт».
Шарыяттын улуу жолунда эркек – үй ээси. Демек, ал үй-бүлөнүн пири. Аны бала-бакыра урматтайт. Анын сөзү, иши эки болбойт. Эрди-зайып эриш-аркак жашап жаткан чакта эрди сыйлоо өмүрдөшү аялдан башталат. Ушундан улам калган үй-бүлө өзүнөн өзү оң тарапка бурулат. Үй ээси эркектин алдынан кыя өтпөйт, башынан аттабайт, секирбейт. Кийимин өйдө коёт. Бул башкалар үчүн үлгү болуп кала берет.
«Малды теппе, томояк болуп каласың». Кыргыздардын негизги турмуш-тиричиликтери – беш түлүктөрдү асырап, андан алынган азык-түлүктөрдү пайдалануу. Малдын эти, сүтү, андан чыккан түрдүү даамдар – дасторкон көркү. Жүнү, териси, мүйүзү, сөөгү кол өнөрчүлүк буюм-тайымдарына шартташат. Кыгы – жер семирткич, тезеги, көңү – отун.
«Мал боор эт менен тең». Демек, «Малды теппе, томояк болуп каласың» деген – бул тепсең кедей, жарды болосуң, үрүп чыгаар ити жок турасың дегенди туюнтат. Мингичиңди арык-торук, жоор минсең, сааның арык-торук кармалса, саандагы музоо, кулун, козу-улак мантыкпай турса, ошондо аялдарың «жез тырмак», өзүлөрүңөр томояксыңар, мал жукпас, ырыс кыркаар, ырысыңарды тээп жатасыңар… өңдүү наалаттар айтылат.
Мисалы, кой-эчкини таяк менен айдайт. Буга байланыштуу «Койчунун таягынан, келиндин аягынан» деген макал бар. Жылкыны укурук менен айдайт. «Азоолорун үйрөтүп, укуругун сүйрөтүп» – дейт. Төөнү шапалак, камчы менен айдайт. «Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай» деген ж.б. лакап айтылат.
Желени кыя өтпө. Желе байлаган айыл жолдон чыкса, атайын ага түшүп аттануу адеби бар. Аны кыя бастырып кетүү наркта жок. Ал үй андыктан ага дасторкон жайып, нан, чай койбойт. Буга милдеттүү да эмес. Кымыз сунат. Эгер чаначы бар болсо кымыз куюп, канжыгасына байлайт. Чай куюп, дасторкон жайылгандан соң кымыз куюу жалпак отургандарга, жата конокторго шарттуу көрүнөт.
Куйма кулак кайсы? Акма кулак кайсы? Булар эки башка маани берет. Илгери кагаз, кат-сабаты жок чактарда санжыра арбын айтылуучу. Демек, ал оозеки тарых деп аталат. Санжырачылар жер чеченин безеп, өзү көрүп, бирөөлөр кулагына шыбырап тургандай, өткөн тарыхтан кызыктуу окуяларды баштап бергенде, кызыккандар отурган орунунан түк жазуучу эмес. Жаза кетпей угуп, кайракайра угууга куштарланып, алар да бирөөлөргө ошондой түрдө аңгемелеп, аны дагы бирөөлөр саймердендеп, айтор, тарых бүгүнкүгө дейре так жеткен. Демек, ошол санжырачылар, кунт коюп отургандар – куйма кулактар.
Акма кулактар – окуяны угууга кызыгуусу жоктор, ой-пикирин башкаларга буруучулар. Кызыктуу, керектүү, данектүү, даректүү сөз кармап калбоочулар.
Босогону кулачтаба (эшикти кулачтаба). Мында эшик, босого тууралуу сөз болуп жатат. Эшиктен кирген балабакыра босогону аттап кирүүгө тийиш. Адатта, алар кирип келе жатып, көбүнчө боз үйдүн босогосуна тура калып, эки колу менен таяк босогону (боз үйдүн эшиги: үстүңкү босогодон, эки таяк босогодон, астыңкы босогодон, каалгадан турат) кулачтап туруп калат. Ошондо: «Босогону баспа, кулачтаба, түз кир» – дейбиз. Бирөөнүн үйүнө антпей түз кирип отуруу адеп. Ал абалтан калган ырым болсо керек.
Ортодон өтпө. Күтүлбөгөн жерден улуулар менен учурашкан учурлар көп болот. Абалы, адаттагыдай, эң улуусуна кол беришет. Анан калгандарына салам айтуу ызаат. Жуп жөнөөрдө кичүүлөр улуулардын ортосунан өтүүсү адеп эмес. Ортону бөлбөй, алардын артынан бастырып кетүү шарт. Жөө кезде да ушул эреже сакталышы тийиш.
«Конуш чала албай каласың». Жандыктын иче-кардын арткан келин-кесектер көтөн чучуктун учун отко бышырып жеш адаты бар эле. Мындан «отко салган чучуктай чыйылдатып» деген сөз айтылат. Аны бирөөлөргө бербей «бала киши муну жебейт, конуш чалалбай каласыңар» – дешчү. Демек, оюн-чынынан көөнүн тындыруу болсо керек.
Үрп-адаттар жана ырым-жырымдар. Биринин түшүнүгүн бири толуктайт. Булардын түпкү максаты ыйманга, адеп-ахлакка, үлгүгө, нускага барып такалат.
Муундарга элдик нукта тарбия-таалим берүүдө улуулардын жолун ыйык тутуу, аны андан ары улоо жөрөлгөлөрү улуттук белгилердин изден тайбоочу башаты болуп саналат. Эбактан бери аркаланып келе жаткан андай оң сапаттарга ээ кылуучу касиеттери менен кыргыз эли элдик педагогиканын негизин түзүп келген. Ата-эне, ага-ини, эже-сиңди, тууган-урук, жерге-жээк үчүн акыл-насаат айтып, ич ара тескөөлөрүсүз күндөлүк турмуш-тиричиликтин бир татым тузу кемийт, кызыксыз туюлат. Ар ким андай ырым-жырымсыз, үрп-адатсыз, каада-салтсыз жашоолору, биринчиден, жүрүш-туруш эрежелеринде башаламандыкты пайда кылат. Экинчиден, улуттук татымдык өзгөчөлөнгөн белгилерибизден ажыратат. Үчүнчүдөн, оң таасир берүүчү сапаттар унутулат. Төртүнчүдөн, элдин кусурун, сөөлөттөрүн качырат.
Ошондуктан, бабалар баскан кан жолдору, күрөш жолдору, жеңиш жолдору кийинкилерге эстен кеткис эстелик болуп калуулары тийиш.
Тап тешик – элдик ырым-жырым. Кайнап жаткан казандын түбү ийне көзүндөй болуп тешилип калса, ундан же талкандан түбүнө салып, «тап тешик» деп кайта-кайта айта турган. Албетте, мындай аракеттен бир натыйжа чыга турган.
ОЙ ЖОРУУ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫ
Ыктытканда. «Сен уурдап бирөөлөргө көргөзбөй тамак ичип-жеген турбайсыңбы?» – өңдүү сөздөрдү айтса, ал чочуп кетип, анын ыктытканы басылат» деген имиш бар.
Көзү тартканда. Айрымдарынын оң көзү тартат. Айрымдардын сол көзү тартат. Кээлери сол көзү тартканда, кээлери оң көзү тартканда сүйүнөт, же күйүнөт. «Көзүм эле тартат» – деп, тарткан көзүнүн алдына чөп жабыштырат. Бул өзүнчө ырым-жырымы болуп саналат.
Эти тартканда. Айрымдары муну жаңы кийим кийүүгө жорушат. Далысы тартканда, эринен токмок жейт – деп да айтышат.
Муруну кычышканда. Мында да адамдардын ой-жоруулары бар. Кычышкан мурунун ушалап туруп: «Буюрса, эт жейм го, мурунум эле кычышат» – дейт. «Сенин мурунуң кычышып жатса, эт жейт турбайсыңбы?» – деп, мурду кычышкан адамды ишендирип да коюшат. Эрин тартканда да ушундай жорулат.
Таманы кычышканда. Мында жаңы бут кийим киет, же жөө басат. Бул ырымды жоруучу деле анын андай белгилерин оң тарапка жоруй айтат.
Алаканы кычышканда. Бул да жакшы ой-тилекке барып такалат. Демек, алаканы кычышкан адам акчатыйын алат; адими буюм-тайым кармайт; олжого батат өңдүү жагдайларга ырымдалат. Же жакшы адам менен саламдашат. Б.а., оң колу кычышса, ошентип бирдеме кармайт. Сол колу кычышса, бирөөлөр колун берет ж.б.
Музоо чычкактап калса. Мунун да өзүнчө ырым-жырымы болгон. Чычкагын басат деген ишенимде анын куйругунун түбүнө кызыл жип, чүпүрөк байлаган. Төгүлгөн сүттү эки ийинге тийгизүү, балага кызамык чыкса, үйдү караңгылатып, шам күйгүзүү, үйдөн жылан сойлосо, ак чачуу, ун чачуу ж.б. да ички ишенимдердин катарына кирет.
«Кылоо-кылоо торпогум» – элдик ырым. Уй тууп, уузу саалат. Аны бышырып, адамдар ооз тийген соң, ууздан кашыктап, же сузгулап, чөмүчтөп алып келип, торпоктун башына, жамбашына тамызып:
«Кылоо-кылоо торпогум,
Алдыга бассаң бөрү жейт,
Артта калсаң ууру алат, Орто жерден чыкпай жүр» –дөп ырымдайт. Бул кыргыз элинин мал чарбачылыгына жасаган мамилеси, боор эти менен тең көрүүсү болуп саналат.
Карышкырдын (бөрүнүн) чүкөсү. Жаш балдар бөрүжатыш болот. Ал – тери оорусу. Кандайдыр тери көөп быткылданып чыга калат. Ошол чакта байбичелер карышкырдын чүкөсүн эзип, этке ырымдап сүйкөйт. Же терисин жипке байлап, мойнуна тагат.
Карышкырдын тарамышы. Бирөөлөр бирөөлөргө доо алганын баамдап, көрүп-билип турса, ал көз көрүнөө танып койсо, бирдемелерин уурдап алса, уурдаткан ошол эле карышкырдын тарамышын алган адамды: «Ушул тарамыштай катып кал, бүрүшүп-тырышып кал» – деп, отко салып күйгүзөт. Ошондо ууру адам тарамыштай тырышып калат деген ишеним бар.
Карышкырдын жүрөгү. Баамдоолордо, жырткыч жаныбардын эң жүрөктүүсү ушул бөрү болуп саналат дешет. Ал мал-салга, ал турсун ачка көркоо (көрдү ачып өлүк жеген) адамдарга да кол салат. Тукумунун кунун кууйт имиш.
Демек, карышкыр аткандар, кармагандар, капканга түшүргөндөр анын терисин сыйрып, ичин жарат, өтүн алат, чүкөсүн омурат. Анан жүрөгүн алып (кээде чалачарпын отко кактай коюп), тайгандарга, дөбөттөргө, бүркүттөргө таштайт. Алар да ушул бөрүдөй жүрөктүү болсун деген ырым.
Туз жалатуу, нан тиштетүү. Бул – күнөөкөр адамдын актыгын же каралыгын билүү. Күнөөкөр келген адам өзүнүн актыгын билдирүү үчүн «Акмын» деп туз жалайт, тузга сиет, нан тиштейт. Эгер ал күнөөкөр болсо, тайсалдап, бул шартка моюн сунбайт. Анын тазалыгы, тактыгы ушундай ырымдар менен да аныкталат.
Карылардын батасы жана каргышы. Кыргыздар карыларды көптү көргөн-билген, заман оодарган, касиети артылган катары көрүшөт. «Карысы бардын – ырысы бар» – деп ушул үчүн айтат.
«Эл кайда көчөт». Кичине кызыл чаар коңуз жайында пайда болот. Ал жөргөлөп, анан учуп кете алат. Аны балдар кармап алып, алакандарына салып: «Эл кайда көчөт, эл кайда көчөт!» – деп сурашат. Коңуз бир тарапты карай жөргөлөйт.
Аны көрүп: «Ии, эл ушул тарапты карай көчөт турбайбы?» деген балдардын ишеними элдин ырым-жырымына жатат.
«Күлүк болосуң». Илгери балдар майдын толук маалында жыңайлак жүрө турган. Ошондо жерде биттей кичине кызыл неме чуркап жүргөн болот. Ошону кармап, жылаңач таманга сүйкөгөн бала тызылдап чуркап кетет. Мында да күлүк болом го деген ишеним, ой жаралат. Бул да ырым-жырымга кирет.
«Сөөктүн (жиликтин) чучугун жебе». Бул – ата-энеңе кайрымсыз болуп каласың дегени. Мында да ырым-жырым бар. Мал чарбачылыгын арка-бел туткан кыргыздарда, ал – чучуктары өтө таттуу, ширелүү келет. Демек, бул ырым-жырымда балдар чоңдор менен талашпасын, нысапты сактасын, муну карылар жесин, адеп-ыймандуу болсун сымал таалим-тарбия жатса керек.
«Уйку жебе (эт), уйкучу болуп каласың». «Кыз бала кекиртек жебейт, жесең күйөөгө жылаңач кетесиң». «Кыз бала бөйрөк жебейт», «Кыз бала шыйрак жебейт» дешкен. Моюн, шыйрак, бөйрөк эркек балдардын устукандары болуп саналат. Бул да эл арасында айтылып келе жаткан ырым экен. «Баштын таңдайын кыз балага берет, себеби саймачы болот», «Тилинин учун кыз бала жебейт, тилдүү болуп калат». «Жандыктын көзүн бөлүп жеши – көздөшүп жүрөлү дегени…». «Жандыктын башын жаактан ажыратып салбайт». Кулагын балдарга кесип берүү шарт; мууздоону отко бышырып ооз тиймейин, канын итке бербейт, же жерге төкпөйт.
Коноктук табакка күң жилик, жетим арка тартпайт. Күң жиликти, көтөндү жана жумурду келин-кесектер жейт. («Көтөн деген тамак бар, көөмп коюп өзү жейт. Жумуру деген тамак бар, жууп коюп өзү жейт, мына кызыңдын көзү» – дептир кайын энесине күйөө бала). «Шилини кыздар тарап жесе, чачы узун болот», «Кыз бала балык жебейт, бети чаар болуп калат, «Кыздар көк боор жебейт, көк бет болуп калат» деген да ишеним бар.
«Бирөөнүн тамагын эки жесе таз болот» – деп айтышкан. Чакаган адамга карата: «Май менен сүткө, жаңы сойгон этке» – деп айтышкан.
Алдыдан кара мышык чыгып, ал туура кесип өтсө – жол болбой калды, кайра тартуу керек болуп калды дейбиз. Же ал туура кеткен жолго таш ыргытып коёбуз. Алдыдан жылан чыгып, ал туура кесип өтсө «Өңүндө көрсөң жанч, түшүңдө көрсөң кенч» – деп, аны үчкө бөлүп, жолдун эки жагына көөмп койгон. Кийин экологиялык шартка байланыштуу уулуу кара чаар жыландан кымбат баалуу дары-дармек жасалгандыктан корукка алууда. Ак жыландар жакшылыкка жорулат.
Эрдин тиштеп алганда жакын адамдардын бирөө ачка жүргөн экен деп жоруйт. «Ким ачка жүрдү экен?» – деп кобуранат.
«Наристе бала жол карайт». Мындай кез баланын эмгектеп, же там-туң басып жүргөн учуруна туш келет. Бирде эмгектеп, бирде баса калып жүрүп, алаасын өйдө көтөрүп, алысты карап калат. Анда «күткөн адамыбыз же жакындарыбыз келет турбайбы» дегенге жорушат.
Түндүктөн жөргөмүш желе тартып түшсө – мында алыс-жакындан конок келээрине жорулат. Чоң жөргөмүш болсо, чоң адам, кичинеси – бала-бакыра келээрине жорулат.
«Оң бутуңду көтөрүп койчу». Баса элек, талпынып калган баланы өйдө алып, боюнда бар аялды көрсөтүп: «Кана, жеңең эркек төрөйбү, кыз төрөйбү, эркек төрөсө оң бутуңду көтөрчү, кыз төрөсө сол бутуңду көтөрчү» – дейт. Мында да баланын көтөргөн бутуна карата ишеним ырым бар.
Идиш-аяк колдон түшсө – мында да жакшылыкка жорушат. Бирөөлөр шашып келатат – дейт. Колдон бычак түшсө эркек, кашык түшсө – аял келет экен деп жоруйбуз.
Ок аттоо – кандайдыр кокустуктан адамга ок жаңылса (мындайлар жоокерчиликте көп болот), же аялды кара басса, ал адамды таза, моралдык жактан туруктуу зайыптар атташкан. Андайлар табылса, алыс-жакынына карабай, ат токуп барып алдырган. Ошондо ок денеден чыккан, кара баскандар кыйналбай көз жарган деген ишенимдер айтылып келген.
Өлүү кыз. Илгери шарттуу түрдө кызга болочок эри күйөөлөп бара турган. Мына ошондой шартта, непада, колуктусу өлүп калса, анын бүткүл буюм-тайымдарын жыйып, ошол күйөө болуучуга карматкан.
Ок түйүп берүү. Турмушта ар кандай көрүнүштөр кездешет. Кайындуу кыз бар. Кайындала элек кыз бар. Кайынсыз кызды алам деп теминүүчү жигиттер кездешет.
Андай шартта ага «тиемин» дечү тайманбас, аздаган кыздар да бар. Буга эң катуу жаза бар.
Ал – жоолукка ок түйүп, бири-бирине берүү. Өлөөр шерттин бири мына ушул болуп саналат.
Ыраазылыкта узатуу. Аялы өлүп, ашы-жыты берилген соң, күйөөнүн да башын ачуу керек. Ага бата жаңыртып берүүчү балдыздары, же ага тете жакындары болбосо, күйөөгө ат мингизет, тон кийгизет. «Ак жолуң ачылсын!» – деп кайын журту бата беришет. Бул «эми өзүнчө аял ала бергин» дегенди билдирет.
Эри өлүп, кошок кошкон ургаачылар – салттуулукту сактоосу.
Аялы өлүп, аялын кошкондор кездешпейт. Ал – чанданын чанда көрүнүшү.
Башына чөп сындыруу. Бул – тамаша ирээтиндеги ырым-жырым. Мисалы, көпкө келбей жүргөн, колунан чыкпай турган адамдардын күтүүсүз келип калышы, бирдеме бере коюшу өңдүү жоруктарын көргөн-билгендери: «Ой, башыңа чөп сындыралычы», «Сен да келет экенсиң ээ», «Сенин колуңан да бирдеме чыгат экен, ээ», «Түш көрдүңбү?», «Түшүңө биз кирдикпи?» ж.б. чын эле кичине чөп сындырып, күлкү, оюн-чыны аралаш башына койгон…
Ай көрүү – бул жөрөлгө, ырым-жырымдын бир түрү. Айдын жаңырышын көрөрү менен ургаачылардын аны алкап, жүгүнүп коюш шарты бар. «Бала-бакыра, эл-журт аман-эсен болуп, аялдардын алдын бала бассын, артын мал бассын», «айдан аман чыгалы» өңдүү бата-алкоолор айтылат.
Айдын туулушу – жан-жаныбарга төлгө. Эгер ай кырданып калса, ал айдын жан-жаныбар үчүн ачыктыгы, жаандын жаашы, ысык-суугу ойдогудай болушу.
Ай казан сымал асылып калса, өзүнө тынч, жан-жаныбарга, журтчулукка анча тынчы жоктугу. Күндүн көзү көрүнбөй, жаанчыл, бороон-чапкын болору. Жаанчыл, жут, суук, тумандуу келет. Албетте, бул – элдин баамдоолорунан өткөн далилсиз чындык.
Жаанды болтурбоо, же жаанды токтотуу үчүн түлөө берүү ушундай шарттардан улам пайда болгон.
БАЛАГА БАЙЛАНЫШТУУ ЭМДӨӨЛӨР, ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР
Жүрөгү түшкөндө бала ооруп, куса баштайт. Башындагы эмгеги бөксөрүп калат. Ал – жүрөгү түшүүнүн белгиси. Ошондо кол менен жүрөгүн көтөрөт да, оозун ачтырып, сөөмөйдү салып, далыга апаптайт. Кичине күмүш балка менен ар бир мүчөсүнө тийгизип: «Менин колум эмес, Умай эненин колу» – деп, үч маал ушинтет. Ошондон соң баланын ден соолугу калыбына келет.
Көз тийгенде. Бирөөлөрдүн көзүндө, бирөөлөрдүн сөзүндө болот. Бала башкачараак көрүнө түшсө, башкалардын эле эмес, ата-энелеринин да көзү түшүп, балага кирине кирет. Мында да бала ынтыгып ооруп, тамакка табити тартпай калат. Ошондо оттун күлүн чыныга толтура салып, үстүн жаап алып, таманынан, алаасынан тартып бардык мүчөлөрүнө тийгизет. Муну күнүнө үч курдай ушинтип, улам эмдеген сайын күлдөн чымчып алынып турат. Чынынын даана бөксөргөнү – балага кирине киргени, бирөөнүн көзү тийгени. Же болбосо ошол көзү тийген адамдын кийиминен кичине кайчылап алып аны күйгүзүп балага жыттатса, ал миңдин бири болот.
Баланын бойдон түшүүсү, же баланын төрөлүп токтолбошу тууралуу ырым-жырымдар бар:
Биринчиден, төрөлгөн баланы карышкырдын жаагынан (оозунан) акырын өткөрүү ырымы бар;
Экинчиден, кошуналарына берип, «берди» болуп бактырып, кайра «сатып алды» кылып, жолдугун жасап ырымдайт;
Үчүнчүдөн, көчүүдө журтка бешиги менен таштап, кайра имерилип келип, эңип кетет;
Төртүнчүдөн, баланы ичте көтөргөн эне өзүн өзү аярдап жүрүүсү зарыл. Бирдемелерден «коркпоюн» деп эске алып жүрүүсү тийиш. Ага үй-бүлө шарт түзөт;
Бешинчиден, ал оор жумушка чегилбеши, оор нерсени көтөрбөшү керек.
Алтынчыдан, каалаган тамагын тоё жеп турат, ичимдик жагына жолобош керек. Эне-атанын ошол тапта ичимдик ичүүсү түйүлдүккө зыян келтирет.
Баланын тамагы ооруганда кызара түшөт, жөтөлөт, тамагы кырылдайт. Мында кара тузду майда талкалап, сөөмөй аркылуу оозун ачтырып, үч күнчө басат. Мындан кийин без болбойт. Кара туз бул ооруда миңдин бири.
ТАБЫШМАКТУУ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР
Кыргыздарда ырым-жырымдардын ар кандай шартка байланыштуу аткара турган жагдайлары, адам карманып келүүчү белгилери бар. Мындай элдик ишенимдер ата-бабалардан бери айтылып, улам кийинки муундарга жетип, көпчүлүгү көңүлгө түйүү кудуретинен тайып барууда. Күндөлүк жашоо-тиричиликте, сапарга аттанууда, алыс жол сапарда жүрүүдө, жоокерчиликте ж.б. элибиз ич ара түрдүү ырым-жырымдарды сактап, аны бир нерсеге тогоп коюп, ошол ишенимдер аркылуу адам өзү бел байлап коюулары, арийне, көп кездешкен. Мисалы, минип сапарга аттанаар жылкыга, колундагы жолдошу камчыга, адамдарга, айбанаттарга, айлана-чөйрөгө байланыштуу карманып калган ишенимдер бизде көп болгон. Алыс сапар жол чегип жөнөөрдө атты токуп алсак, жүгөндүн ооздугун салганда, адатта, кээде ат оозун өйдөлөтө көтөрүп, оозун аңырдай ачып калат. Демек, ал – күлгөнү, жолдун болоору, сапар ойдогудай карыры, аман барыпкелүү катары жорулат.
Камчы – алыс сапарда адамдын кан жолдошу («Колунда жүрүп билинбейт, камчыдан башка жолдош жок» (макал). Аттанып жатып камчы колуңдан түшүп кетсе: «Камчымды алып бер» – деп атказып жаткан адамдан өтүнчү эмес. Камчыңды өзүң түшүрүп жиберүүң – жамандыктан бир аз кабар бергендин белгиси. Аны аттан түшүп, өзүң алып, атыңа кайра мин. Мунун дагы бир жагы камчыны керегеде кыстарган жерден өзүң алып чык. Ага чейин бирөөлөрдүн колу тийбесин, же көтөрүп алып берсин, анда камдалып жаткан жолго чыгуу кажаты жоктой сезилүүчү. Камчы аркылуу кыргыздар көптү түшүндүрүшкөн. Камчыны бүктөй кармоо аркылуу бирөөлөргө баруусу – анын ичинде кусаматы болуусу.
Камчыны сүйрөй кирүүсү – жайдары маанайда келүүсү. Камчыны таяна отуруусу – ички кектин күч алышы. Камчынын керегенин башында дайыма илиниши – эр бүлөнүн кайраттуулугу («Камчысы катуунун – катыны уяттуу» (Макал). Босогону кемире кирүү, кемире чыгуу, м.а. басып кирүү, басып чыгуу да ичте кектин болуусу. Памирдик жана афгандык (оогандык) кыргыздарда аттанаар алдында эң биринчи көзүнө кара карга урунса, же кан жолунан түлкү чыкканы жаман жышана болгон. Тескерисинче, карышкыр учураса – жакшы көрүнүш. Жолуңдан коён чыгып, кан жолду оңдон солго кесип өтсө, жакшылыктын белгиси, непада, солдон оңго карай чуркап өтсө, жамандыктын белгиси.
Кыргыздарда башка элдердей эле окшош да, кайчы да, карама-каршы да ырымдар жашап келген. Алаканы ысыса, же кычышса, атчан жолго чыгат, же акча алат, баалуу буюм-тайымды кармайт. Сол кулагы чуулдаса – бирөөлөрдүн жамандап, ушактап жатканын туюу. Оң кулагы чуулдаса, бирөөлөрдүн мактап-жактап жатышы. Кара мышыктын, кара чаар жыландын жолду кесе өтүшү да жакшы напас эмес. Жол болбой калатты боолголойт. Колуңдан идиш түшүрүп, сындырып коюшуң – кырсык ушуну менен чыгып кетсин дегенибиз. Ал эми чыныны колдон түшүрүп, чайыңды төгүп алышың – бирөөлөрдүн шашып келе жатышына жорулган, кээде аны болочок ишиңдин кечеңдей турганына жорушкан.
Памирдиктер төөнүн мурдун чүйрүгөнүн – жамгыр жаай турганына, мышык өз таманы менен тумшугун кашыласа, ушул үйгө кудай конок келээрине, ошол үйгө түнөрүнө ишеними болгон. Мисалы, ат куйругун чычайта көтөрсө, анда ал ат алыскы сапарга минилет. Ат куйругун эки капталы тарапка туурасынан шыйпаңдатса – анын ылаңга чалдыкканы. Ат куйругун өйдөтөн төмөн, тикесинен шыйпаңдатса, мында ат алыс минилгени, тер чачканы…
Адамдар да ишенимдеринин көбүн кайрадан баамынан өткөрүүгө кылдат келээри белгилүү дечи. Күтүүсүз чакап калса: «Майга, сүткө, жаңы сойгон этке» – деп тилейбиз.
Кыргыздардын түш көрүүсүндөгү айрым жоруулар аркылуу өзүнчө канааттануулары пайда болот. Түштүн да мыктысы «Эркек эшек түшөбөйт». «Катын камыр түшөбөйт». Бышкан эт – ырыс, чийки эт – сасык тумоо, аял, уй, кой – душман, сары май – санаа, өзүнүн богуна чылануу – олжо. Аны жоруй билишибиз тийиш. Түштө киргил көрүнсө, жамандыктын белгиси, тунук суу, төө, ат көрүнсө, жакшылыкка жорулат. «Түштүн башы чарадай, моюну кылдай, таң эртең менен эмнеге жорусаң, ошого оойт» деген да ишеним бар. Жаман жакка бурулуучу түш болсо, «түшүң түлкүнүн тезеги» дейт. Бул оңго, жакшылыкка буруу болуп саналат.
Капа болгондо ооздон чыккан күйдүргү сөздөр. Адатта, кыргыздардын табиятында сөгүү, каргануу-шиленүү, бирөөлөргө акарат айтуу, көңүл калтыруу өлүмдөн да катуу көрүнгөн. «Атаны көрүп, уул өсөт», «Энени көрүп, кыз өсөт», «Аганы көрүп, ини өсөт», «Эжени көрүп, сиңди өсөт», албетте, баары – адептүүлүккө, сылыктыкка тарбиялоонун, таалим берүүнүн адал жолу, жашоо-тиричиликтин негизи. Мунун да этникалык, социалдык жана тууганчылык жагдайлары бар.
Деген менен көр тиричиликтин, күйпүл турмуштун оомалуу-төкмөлүү шарттары кейип-кепчүүлөргө алып келген. Мунун да бир нече түрлөрү билинет. «Томояк, итке мингир», «жез тырмак» ж.б. (жалчы, жардыларга айтылган), «Падариңе наалат» (башка элден келгени билинип турат), «атаңдын көрү», «атаңдын оозун урайын», «атаңа наалат», «ата-жотоң, кубаарың». Кыскасы, мындай каргоолор – ата текке наалат айтуу. Мындан «оозуңду урайын», «оозуңду кытай урсун», «Теңир соккур», «оозуңа топо», «көзүңө топо», (кээде суук нерселерди көрүүдөн улам) «теке сүзгүр», «ат тепкир», «кудай жаман көргүр», «жубарымбек», «бейбак», «бейтаалай», «ырысы жок» өңдүүлөр анча деле көңүл калтыруучу сөздөр эмес. Тескерисинче, «куубаш», «туубас» (баласыздар тууралуу), «оозуңа сиейин», «атаңдын көрүнө отурайын», арийне, мындай каргоолор, тилдөөлөр адамдардын көңүлүнө доо кетирет. Ачуу сөздөр араларды ачып коёт. Уруш-жаңжал чыгарууга дейре алып барат, күйүп-бышууларына айланачөйрөдө болгон укмуштай таасирлер да себепкер.
«Ириген ооздон чириген сөз чыгат», – дейт. «Көрүңдө өкүр», «өлүгүңдү көрөйүн», «жети күнгө жетпей кал», «балаңдын күнүн көрбөй кал», «чечек чыккыр», «бейит болгур», «сөөгүңдү жагып калгыр». Мына ушундай каргап-шилөөлөр аял-эркектердин албууттугунан, тажаалдыгынан, абийирсиздигинен кабар берет. Жакшы атанын баласы, жакшы эненин кызы мындай ирик-чирик сөздөрдөн өзүлөрүн алыс кармайт.
«Жаңы журтка сыйын». Кыргыздар Ата Журт деп, аны туу катары карайт. Ал Мекенибиз, журт-ата конуш. Мунун жөнөкөй түшүндүрмөсү көчмөндүү турмуштагы боз үй тигилүү конуш тууралуу сөз баратат. Ошол отурган жай деп айтылат. Ага көчүп келген күнү май нан жасап, ыз чыгарат. Түлөө да кыла коёт.
Б.а., ордубуз кут, бала-бакыра эсен-аман болсун, журтубуз майлуу-сүттүү болсун ж.б.у.с. сыйынуулар жеринен бар. Жыл сайын бир конушта, бир журтка көчүп келип, жайлоо ыракатын көрүү – ата-баба салты. Өнүп-өскөн жер, өзүбүз үчүн ыйык сезилет.
Көп отуруунун белгиси катары сары журт болуп эскирет. Ал жерден көчүүгө туура келет. Башка журт которот. Ошондо эски журтка бирдеме-сирдемени калтырбай, аны көргөзбөй таза шыпырып кетет. Бул келерки жылда келебиз дегенди туюндурат. Ургаачылардын илээндиси ошол эски журттан көчкөндө баамдалган.
Булардын ичинен жаратканга жалбарып, жакшылыктын жышааны үчүн түлөө кылуубуз орчундуу мааниге тура келет. Табият каргышына алабы, же мыйзамченемби, кургакчылык көбүнчө болуп калат. Тескерисинче, күн көнөктөп, көз ачырбай турган учуру да кездешөт. Түлөө берүү – көбүнчө Алла Тааладан жаан тилөө, жан-жаныбарлардын тирилиги үчүн ырайымдуулугун алууга жолдугун жасоо. Адатта, топ эл жандыктары менен бир жерге сыйынууга шарттуу орунга барышат. Кыбыланы жапырт мал-баш карап, жараткандан суранат. Курмандык чалат.
КЫРГЫЗДЫН БОЗ ҮЙҮ
Боз үй – кыргыз элинин сергек акылынан чыккан, чебер колунан жасалган, эч нерсе менен өлчөөгө теңдешсиз улуттук мүлк. Бул укмуштай айлакердик искусстволук, математикалык жана физикалык айкалыштарды ичине камтыган, кыргыз журтчулугун даңазалоочу бөтөнчө күчкө ээ.
Боз үй көчмөндүүлүктө көк тулаң өрөөндөрдө, муз төрлөрдө тигилип, жайлоо келбети ушул боз үй кыштын ызгаардуу аяздарында да жашоого шарт түзгөн. Боз үйдүн эң мыктысын өргөө дейбиз. Ал обочо, бийик жайга тигилгени, актыгы, чоңдугу жана кооздугу аркылуу айырмаланган. Ал «Ак өргөө» деп да айтылат. Өргөөнүн жасалгасына атактуу уздар менен усталар катышкан. Өргөөнүн эң чаканы алты, чоңу он эки канатка дейре жеткен. Өргөөгө ашкана (чыгдан) тартылбайт, от жагылбайт. Азыр жыргал турмушту аркалап тигилип жаткан боз үйлөрдү көлөмүнө карабай жалпысынан «Ак өргөө» деп таамай эле айта алабыз.
Ошентип, элибиз такай шамал менен жарышып, көчүп-конуп, турмуш өткөрүп жүргөнү белгилүү. Мал чарбачылыгын аркалап каалаган жерге, мейли тоодо, мейли түздө жашоого оңтойлуу шарт түзгөн мындай үйдү жаратып алууга жашоо тиричилик өзү муктаж кылган. Ташынып-көчүүгө жеңил боз үй каалаган жайга конууга ылайыкташкан. Ал жаан суусун тез агызат. Табияттын ар кандай таасир-күчүнө туруктуу келет. Ичине от жагууга, жылуулукту сактоого оңтойлуу шартташкан.
Бүгүнкү усталар уук, кереге матап, түндүк ийип, жыгач комуз чабууда өз өнөрлөрүн жумурай-журтка айкын көрсөтүүдө. Кыргыздар жашоо шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн өнүктүргөн. Ал айрым учурда «Кыргыз үйү» деп аталат.
Боз үйдүн жыгач тулкусуна узангандар элибиздин чыныгы архитекторлору экенин көрөбүз. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү келет. Бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык, тоолуктардын сыймыктуу мүлкү – боз үйдүн көлөмү ар кандай болот.
Үйдүн жыгачы «алты канат», «төрт канат», «жүз баштуу», «сексен баштуу» деп айтылат. Бул боз үйдүн чоң-кичинесин далилдейт. Тигип-чечүүгө жана көчүпташынууга, ички эмеректеринин орун алышына 55, 65, 75 баш үйлөрдү жасоо максатка ылайыктуу болот. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты…». сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт.
БОЗ ҮЙДҮН НЕГИЗГИ ЖАБДУУЛАРЫ
Боз үйдүн негизги бөлүгү жыгачтан турат. Ага уук, кереге, түндүк, босого-таяк, каалга жана бакан кирет. Үзүк, туурдук, түндүк жабуу биригип келип өрө кийизди түзөт. Боз үй эшик чий, канат чийлерсиз тигилбейт.
Ал эми жип-шууларына эшме-сызма боолору болот да, ансыз боз үйдүн жабдуулары бекитилбейт.
ҮЙ ЖЫГАЧЫНЫН ЖЕРДИГИ
Боз үйдүн жыгачынын негизги жердиги тал уругу болуп саналат. Мунун бири ак тал өтө бышык келет. Көл башында жана тескей тарапта анын жапайы түрү жыш кездешет. Бул өтө ичке, анан түз өсөт. Жыгаччылар мунун көчөтүн тигип, атайы үй жыгачы үчүн өстүрүшөт.
Турпан тал айдама талдын түркүмүнө кирет. Анын көчөттөрү да башка тараптан алынып келинген.
Эчки талды болсо жергиликтүү тал деп аташат. Тоолуу, таштак жерлерде өзү чыгат, ал да бутактанып, эң бышык өсөт. Мындан сырткары көбүнчө арык, өзөн жээктерин бойлой өскөн жапыс жана бышык жер талдар. Бул да бутактарын чыканактатып, укмуштай дуулдап чыгат. Андан да кара тал өзүнүн бышыктыгы, бийик жана октой түз чыккандыгы аркылуу айырмаланат. Мунун да көчөттөрүн тигип алууга болот.
Аң ичине, арык жээгине чыккан сары тал жергебизде сейрек кездешет. Бул анча узун эмес, муну кереге, түндүктүн чагарагы үчүн кыйса болот.
Усталар теректи да бир топ түрлөргө бөлүп узанып жүрүшөт. Анын ийкемдүүлүктөрүнүн бири бака терек болуп саналат. Туурасы кучак толуп, бул жоон-жолпу келет. Демек, мындан төрт кырлап тилип, үй жыгачка узанса ойдогудай болот.
Көчөт терек дагы жергебизде көп өсөт. Ак теректер көчөт терекке кирет. Бутактана чыкканы менен морт болот. Биз жогоруда санап кеткен тал-теректин түрлөрүн узануунун ыңгайына карай уук, кереге, түндүк, босого таяк үчүн оңду-солду узана берүүбүз тийиш.
Боз үйдүн жыгачына жергиликтүү карагайды иштетип жүрүшөт. Мында, жыш, ичке өскөн балатылар кургаганда сөөк-мүйүздөй катуу келип, уук-керегеге сонун жарайт. Кызыл карагайдан да узанса сонун болор эле. Бутаксыз жана түбү сыйда келген бул жыгач бышык да болуп, мындан маталган үй жыгач жылмакай, сулуу көрүнөт. Буларды кесип келээри менен кабыгын ыкчам аарчып, көлөкө жайга жөлөп коюш керек.
Тал, теректи куз айларында кыйыш зарыл. Бул чакта өсүмдүк маңызын төмөн карай тамырга тартып турган чагы болот. Ал эми түндүктү ийүүгө турпан талдан мыктысы болбойт.
Ийин тапса, үй жыгачты четинден да матап жасаса болот. Бирок жарылмалуу келет. Карагайдай бутаксыз шоолдап өскөн Алай арчасы матоонун ар кандайына туруштук бере алат жана бышык да болот. Боз үйдүн жыгачын кайындан да матаган учурлар бар. Кайың көчүп-конууга оор келет.
УУК, КЕРЕГЕ, АЛАРДЫ ЖАСОО ЫКМАЛАРЫ
Үй жыгачынын негизги бөлүгү кереге жана уук болуп саналат. Кереге – боз үй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү бөлүгү. Мисалы, талаптагыдай боз үйдүн керегесинин диаметри 2,5–3,5 см, узундугу 230–300 см, баш аягы бирдей жумуру (56–60 даана) саканактардан (таякчалардан) жасалат. Саканактардын баары бир аз ичин көздөй ийилип, уук байланчу баш жагынан 15–20 см. жери сыртын көздөй ийилип маталат. Саканактардын ар бири 14–18 см. аралыкта бири-бири менен кайчылашкандай кылып, эки жагы бөрктүү түйүлгөн көк менен бекитилет. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан төрт жагы бирдей көзчөлөр пайда болот. Саканактардын баш (жоон) жагынын 70–80 см. жеринин ички бети алакандалып (жалпайтылып), ага 6–12 издүү сай салынат. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18–20 көздөн, бийиктиги (туурасы) боюнча 10 көздөн турат. Жыйылган керегенин бийиктиги 2 м. эни 75 см. болот. Жазганда бийиктиги кичине төмөндөп, эни 2–2,5 м. ге жетет. Уук байланчу жогорку жагы – керегенин башы, анын карамакаршы төмөнкү бөлүгү – керегенин аягы делет. Кереге канаттарын бириктиргенде алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, канат боо менен орой чалып байлап коёт. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына жараша болот. Боз үйдүн эң кичинеси 4, эң чоңу 12 канат үй максатка ылайыкташат.
Боз үйдүн жыгач тулкулары бири-бирине ийилип, төп келиши өлчөөсүз чеберчиликти талап кылат.
Боз үйдүн диаметри болжолдоп алганда 5 метр жана бийиктиги 3–3,5 метрге жетет.
Ал эми уук түндүк менен керегени бириктирип турган боолуу узун жыгач. Орточо алганда алаканынын (билегинин) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45–55 см, эни 2–3,5 см келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө жүндөн эшилген уук боосу болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2–2,5 см төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу 2,5–3 метрдей келет. Көчкөндө ууктар сынбас үчүн анын учуна көбүнчө кийизден жасалган «уук учтук» (уук кап) кийгизилет.
Боз үйдүн башкы босогосунан (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат.
Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат. Эгер боз үй тегерек болбосо, шамалга байымсыз болмокчу. Кыргыздар мында шамалдын таасир эткен күчү аз болушу үчүн боз үйдүн цилиндр формасын тандап алышкан. Бул үйдүн ичин иреттөөгө, жайлашууга да турмуштук ойдогудай жагдай түзөт. Тактап айтканда, казан-аяк, ашкана, көшөгө (уул-келин жата турган жай), төр, жүк, үй ээси жатчу жайы, ээр-токум, анан эшик, ортодо коломто орун алат. Боз үйдүн ичинин ашкана тарабы «эпче», эр бүлө жайлашкан тарабы «ыпча» деп бөлүнөт. Боз үйдүн ушундай формасында үй эмеректери сыйымдуу келет.
Усталар керегенин жыгачынын ийрилерин аныктоодогу жыйылып жана жайылып калышындагы закон ченемдүүлүктү даана билишет. Ошондуктан, бөйрөктүү болгондуктан: «Боз үй тигели, эл көп батат», – дешип, жакшылык-жамандыкка боз үй тигүүбүз да бекеринен эмес.
Чакан боз үй үчүн керегенин жыгачтарынын ийрилигин усталар атайын өтө чоң кылып маташат. Ушундан улам боз үйдүн симметриялуулугу, көркөмдүгү келип чыгат. Натыйжада, чоң боз үйдүн жыгачын кичине боз үйгө тигүүгө болбойт. Демек, усталар жасалуучу боз үй чоң келсе, анын жыгачынын ийрилигин кичине, ал эми кичине боз үйдүн жыгачынын ийрилигин чоң кылып жасап келишкен.
Боз үйдүн жыгачын кармоодо усталардын төмөндөгүдөй жекече ыкмаларын белгилөөбүз тийиш. Уук, кереге, түндүктүк жыгачты матоодо «кызытуу» элибиз үчүн традициялуу ыкмалардан болуп саналат. Мында ууккерегелик жыгач сойлогудай арык казылат. Ага эскиби, жаңыбы койдун кыгын толтуруп, аны көк түтүнү көтөрүлгөнчө кор кылат. Анан ага жыгачты сойлотот. Албетте, мындай ыкманын опурталдуу жагдайы сезилет. Жыгач чычала болуп күйүп, тал коромжуга учурашы шексиз. Кээ бир тал какшып, теске салганда «кырс» этип сынып калышы да болот.
Айткандай, усталардын үй жасоочу станогу өтө жөнөкөй келет. Аны тес деп аташат. Бул аркылуу уук, кереге жасалууда. Метрден ашып-ашпай, баса турган жагы жалпак, экинчи учу жумуру, билектей жоон жыгач «тестин баскычы» делинет. Уста муну сол капталына салып, кучкач ээрдин кошунундай эки ачакей теске аштап, салмак менен басканда, алиги тал каалагандай ийилет. Мындай ыкманы колдонуу аркылуу маш усталар уук тизгич сызманы, жабык башты жана «кереге көз» байлана турган тарабындагы ийгини ойдогудай имерип алышат. Тестин баскычысыз уукту, керегенин көзүн, түндүктүн чагарактарын ийүүгө мүмкүн эмес. Уук үчүн кереге көздөрүн көзөөчү куралды үшкү дейт. Жыгач чеберлеринин тарткы деген аспабы болот. Мунун эки тарабы миздүү, колго эптүү эки сабы бар, ошол тарткы менен ууктун жана керегенин билегине жол-сызык түшүрөт. Албетте, тарткы түшүрүлгөн кереге, уук кооз көрүнөт. Жыгаччылык негизинен керки менен бүтөт.
Кыргыз үйүнүн жыгачына узанууга түпкүлүктүү кесип туткан кандим усталардын узануусунан мындай өзгөчөлүк баамдалат. Жыгаччы үчүн түз тал табылгыстай, бирок дайыма эле иш ойдогудай боло бербейт. Ошондуктан ийри-муйру жыгачты да матоого, октой түз кылууга мүмкүн. Уста абалкы аракетти кок кылуудан баштайт. Бул – койдун кыгын түтөтүү дегенди түшүндүрөт. Эми кыйылып, ач чечек болуп аарчылып коюлган жыгачтар ошол кокко сойлотулат. Чеберлердин айтымында талды «коктун» үстүнө салса, күйүшү ыктымал. Демек, аны үйүлгөн кыктын түбүнө ыкшоо тийиш. Кокко минтип талдарды коюу беш-жети минутадан ашпоо керек. Бир саамда сегиз тал сойлотулат. Алардын кызуусун суутпай матаганча, кийинки талдар даяр болуп турат.
Матоодон чыккан жыгачтын ар биринин өңүн жылмалатуу үчүн бычак мизи тиет. Муну усталар «копшоо» деп айтышат.
Боз үйдүн керегесин жасоодо усталар кардардын талабын эске алышат. Кереге он үч көктүү келет. Эң эле мыктысы он беш көктүү болот. Чебер керегенин талын беш көктүү жасагысы келсе, он төрт жолу, он үч көктүүсүн он эки жолу үшкүлөп чыгат. Кереге эки түргө бөлүнөт: он беш көктүүсү «тор көз», он үч көктүүсү «жел көз» деп аталат. Чынында боз үйдүн ички көркү «тор көз» керегени тигүүдө талаптагыдай көрүнөт.
Айрым усталар кереге көк үчүн уй терисин да колдонушат. Төөнүн териси менен да тал көктөлөт. Ыгын билип көктөбөсө көк катуулук кылат. Кереге ачылып-бүктөлбөй коёт. Деген менен төө терисин табуу чынында кыйын.
Же болбосо кадимки эле койдун саргектей жаңы кыгын бир чекесинен жайып, ага суу сээп, анын үстүнө кайрадан кошуп, дагы суу чачып, тизе боюндай сары кыр үйүлгөн кыкка уук-керегелик укуруктай талды сойлотот. Билектей талдардын бир тобун ошентип катар сойлотуп жаткызгандан кийин анын үстүнө дагы кык бастырып, кайрадан чака сууну колу менен шапшып себет. Анан талды дагы тизе баштайт. Акыры үйүлгөн кык балык жон болот. Муну бир жарым саат убакыттай таштап коёт. Карап турсаңыз анча өтпөй буу өйдө көтөрүлүп чыгат. Анан жыгачтарды сууруп алат. Ысыган жыгачтын илеби көпкө суубай, жашып турат. «Теске» дароо коюп, ийримуйрусун ойдогудай түзөтүп алат…
Жерди чуңкур кылып казып, көлчүккө жаңы сыйрылган төөнүн терисин көөмп таштап, жүнү жыдыры менен аны тилүү керек. Кереге көктөөгө өгүздүн териси да аябай бышыктык кылат.
Усталар боз үйдүн жыгачтарын жошолошот. Жошону алар суусуз жерлерден кургатып алат. Бул боз үйдүн жыгачынын касиетин узакка сактайт.
Ал эми айрым усталар тал ордуна карагайдан тилинген рейкадан уук, кереге жасап жатышат. Мында бутагы жок жерин ийге салып, жоон-ичкесин жонуп-бычат. Андай чеберлер үч бочканы курап, аларды аштап, ага кемеге казып, бекем орнотот. Анын үстүнөн мештикиндей ооз чыгарат. Туш-тарабын цементтеп таштайт. Бочканын алдындагы от жага турган коломтосу болот. Бул темир идиштин ичине жарым-жартылай суу куюлат. Түбүнөн от тутантат. Суу кырк градуска ысыганда уук, кереге жана түндүк болуучу жыгачтар идишке толгуча шыкалат. Бул суу кеминде эки саатча кайнайт. Катуу кайноо менен жыгачтардын маңызы, чайыры чыгып, тарамыштай чыйралып «ийленип бышат». Аны андан ары иштетүү оңой. Ийилүүчү тетиктер өз-өз станогуна коюлат. Демек, «уук матагыч», «кереге матагыч», «түндүк ийгич», «чамгарак ийгич» дечү ар биринин өзүнчө станогу бар. Айрым чеберлер арабанын дөңгөлөктөрүнүн жыгачын ийип жасоодо так ушундай ыкманы да колдонуп келгендигин билебиз.
Мунун «теси» темирден жасалат. Станоктон чыккан жыгач жарылбайт. Он күнчө аны күнөстүү жайда кургатып алат. «Тарткы» менен жылмаланган жыгачка быдыр жана түр түшүрүлөт.
Жел көз керегенин бир талы менен экинчисинин кесилишкен аралыгы жыйырма сантиметр, тор көздүктү он алты сантиметр болору эбактан бери белгилүү…
ТҮНДҮК ЖАСОО
Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле усталардын колунан келе бербейт. Уук, кереге жасоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу калктын көз элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө сыпаалыгын жана оордугун аныктайт. Алсак, азыркы түндүкчүлөрдүн көбүнүн станогу – тегерек дөңгөлөк болот. Оболу талды же теректи кыйып келүү керек. Жогоруда айтылгандай корго салынып кызытып алат. Түндүктүк жыгач жоон болгондуктан аны кызытууга албайт, эки-үч саат убакыт кетет. Дөңгөлөк станоктун төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймекей үч лому болот. Жаактык жыгач кызытылгандан кийин дөңгөлөккө чынжыр жана ломдун жардамы менен жаадай кылып керип бекитет. Бул бир айдан кийин ордунан козголот. Түндүктүн экинчи жаагын жасоодо да ушундай эреже кайталанат. Буюмдун жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турушу да ыктымал. Ошентип, тегерегин (айланасын) бүтүрүп алгандан кийин түндүктүн чамгарагы салынат. Демек, түндүктүн жыгачы эки жаадан турат. Түндүктүн көздөрү ысытылган атайын шиш аркылуу көзөлөт. Кээлери түндүктүк эки жаакка темирдей эбелек кылып, анан аны зым менен бөрктөйт. Илгери темир жааты каат кездерде ага кара шири коюшчу.
Түндүктүн чамгарагынын үч-төрт калканы болот. Түндүктүн төрт талаасына кооздукка шакек коюп, ага түрлөнтүп, оюм-чийим түшүрүү нускасы бар. Кулжанын мүйүзүнөн же күмүш чегелген түндүктүн чамгарагына шакек койгон усталар да биздин элибизге таандык. Түндүк көздөрүнөн ууктун учу чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө коюлат. Түндүк үчүн кайың да табылгыстай сезилет.
Арийне, түндүк – үйдүн очогу, боз үйдүн борбору, муну жасоо үчүн баарыдан мурда, кара жыгачты керектейт. Анткени ал абдан катуу жана үйдүн тең салмакта тигилишин талаптагыдай сактайт. Ошентип, тепетең жара бөлүнгөн түндүктүк жыгачты узун бочкага төрт сааттай кайнатат. Мында былпылдап, жумшарган жоон жыгачты чөп тырмоочу ат машинанын дөңгөлөгүнө бекитет. Шамалдуу жайда бир канча күнгө как кургаган эки жаак эми үйдүн формасына карай ортосунан кыйылып ашталат.
Илгери усталар көлөмүнө карата түз жайга төрт-алты балбан казык кагып, түндүктүн жаасын ошого жатак алдырган.
Жаа аябай кынапталуу үчүн анын айрым жерлерине шынаа урулган жана жыгач жаткан жайында кургатылган.
Аштатылган түндүктүк эки жаа темир шакекче экиден төрт бурама менен карматылат. Түндүк көзүнүн аралыгы төрт сантиметрден болот. Ал 22–23 миллиметр болгон кол бургу аркылуу көзөлөт. Төрт чарчы көзөнөккө төрт чарчы уук учтары сайылат. Мында уук имерилбейт. Шамалда түндүк айланбай, бири-бирине тирешип, туруктуу абалды сактоо үчүн мунун беш көзүн оңго, бешөөн солго бурай көзөйт.
Боз үйдүн каалгасы, босого-таягы да көз тойгондой кооздолот. Усталар абалы жылмаланган жыгач бетине түшүрүүчү оюмун шибеге аркылуу негиздеп, анан текенин мүйүзүнөн жасалган учтуу таякча менен кайрадан катуу баса чиет. Түшкөн жыгач оюу чагарак имерилип, симметриялуу келип, көбүн эсе кыргыздын негизги «мүйүз оюмун» (кочкор мүйүздү) элестетет. Оюм көбүнчө рельефтүү болот.
Боз үйдүн өрө кийизине түр салынбайт жана боёлбой калың уютулат.
Кийиз жасоодо ишти мындан баштообуз тийиш: жазгы жана күзгү жүндү сабап, аны аралаштырып алат. Чийге чабактайт да, ысык суу сепкенден кийин чийди дыкандап оройт. Демек, оролгон чий бир жарым-эки саатча тебилет. Атка үзөңгү боолукталып сүйрөтсө да болот. Чоң жасалып жаткан кийиздин эки четине чыгырык коюп жылдырып туруу да керек.
Тепкиленип болгондон кийин кийизге кайра эки-үч чака кайнак суу куюш зарыл. Мунсуз кийиз кирбейт. Муну «кепин» деп айтат.
Чийден чыккан кийизди оңдуу-солдуу үч-төрт адам чыканактап басат. Анан кийизди үч-төрт бүктөп тоголоктоп, жыгачтын үстүнө коюп, үч киши силкип, узункыскасын түздөйт да, суу куюп аны тазалайт. Анысын «кирдөө» дейт. Сарыктырган кийизди жайып кургатат. Кийизди кайра бышыруу алдында ысык суу сээп, дагы оңдуу-солдуу басат.
Туурдук – боз үйдүн өрө кийизи – кереге жабуусу. Ал боз үйдүн аянтына карай өлчөнөт да, болжол менен узундугу 1,8–2 м, туурасы 4,5–5,5 м бычылып, туурдук эки же төрт бөлүктөн турат.
Туурдукка көбүнчө топоздун жүнүнөн кара жана ак, кээде кызыл менен ак жип өздөрүнчө эшиле жээктелет. Туурдуктун да үзүктөй терме, кажары, эшме, сызма боолору болот да, алар уукка бекитилет. Анын үстүңкү бетине «жабык баш» салынат.
Ал эми экинчи өрө кийиз үзүк болсо уук үстүнөн келүүчү боз үйдүн жабуусу. Бул «алдыңкы үзүк» жана «төркү үзүк» болуп, экиге бөлүнөт. Үзүк жабыла турган боз үйдүн көлөмүнө карата бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат. Болжолдо үзүк баш-аягынын узундугу 120–210 сантиметрдей, ылдый, этек жагынын узундугу 750–850 сантиметрдей, жандарынын бийиктиги 200–250 сантиметрдей болот. Үзүктүн чети бүйрүлбөскө тайдын жал куйругунан жана топоздун, эчкинин кылтагынан эшилип жээктелет. Эки үзүккө алтыдан он эки боо тагылат. Ал боолор жүндөн эшилип, же өрмөктө эни 5– 6 сантиметрдей согулуп ар биринин учу чачыланат. Эми 20 сантиметрдей болгон ак кийиз менен кызыл кийиз оюму милтеленип, үзүккө бекитилген этеги тегерете чачыланат.
Ал «кылдырөөч» деп аталат.
Үзүктүн экиден төрт жерине «карчыга канат», «карга тырмак» өңдүү түр түшүрүлөт. Төрт жерде «төтөгөсү» болот.
Түндүк жабуу да боз үйдүн өрө кийизинен бычылат. Түндүктүн аянтына карата төрт бурч (болжол менен
2 х 2 м.) бычылып, үзүк жана туурдук сыяктуу жээктелет. Анын төрт бурчуна тагылган төрт боонун үчөө бел кырчоого байланып, «тастар жип» (тастар боо) деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо баш болот. Түндүк жабууга бакан тирегенде тешилбеске тастар жип кадалган бурчунун эки жагынан кийизден тумарча тигилет. Түндүк жабуунун тастар боосу менен түндүктү чүмкөп жана ачып турат.
Түндүк жабууну чүпүрөк менен ичтеп, кооз шырдак оюмун да беришет.
Бел кырчоону эшмечилер кара кылдан жасашат. Адегенде кыл таралып, түйдөк кылынат. Кол менен катталып, эшилүүчү жиптер чыйратылат да, толгоосу солго имерилет. Ошентип, үч адам толгойт, бирөө эшилип жаткан арканды түрөт.
Бел кырчоо жасоо – эшмечиликтин татаал түрүнөн. Бул тогуз – он эки жиптен турат. Эшип жаткан адамдын чеберчилиги кылды (жүндү) бирдей түйдөктөп, текши чыйрата билүүсү аркылуу аныкталат. Бел кырчоонун узундугу боз үйдүн аянты менен өлчөнөт.
Боз үйдүн боо-чуулары өрмөктө согуу аркылуу жүзөгө ашат. Аларга: «уук тизгич», «кереге чалгыч», «үзүк боо», «туурдук боо», «жел боо» ж.б. кирет. Буларга оюм-көчөт түшүрүп соксо, «терме», «кажары» деп атайт. Ошондой эле сызма бетине түшкөн сайма сымал түрдү «беш кеште» дейт.
Боз үйдүн өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн көчөттөрүнө «баргекче», «калем каш», «кырк мойнок», «бычак учу», «казан кулак», «бачайы көчөт», «алтымыш жиптүү ай көчөт», «токсон жиптүү төр көчөт», «тай туяк», «араа тиш», «чымын канат», «ийрек», «омуртка» сыяктуулар кирет.
Боз үйдүн боо-чуулары терилбей согулса «сызма» деп аталат. Мында жип түрдүү түскө боёлуп күздүктөлүп, аркак гана өткөрүлүп турулат. Маселен, «тизгичке» көбүнчө 7, «үзүк боого» 41, «жабык боого» 27 тал жип кетет. Ал эми «уук боо» менен «туурдук боого» 26–28 тал жип кетет.
Боз үйдүн терме боолору «эки жүздүү» болушу да ыктымал. Мында буюмдун – боонун эки жагына тең оюмкөчөт түшөт.
Чий согуу – боз үйдүн керегесинин сыртынан калоого
«канат чий», тамак-ашты орундаштырууга «ашкана» (чыгдан), үйдүн эшигинин бышык жана элпек ачылып-жабылышы үчүн «эшик чий» деген салт менен жүзөгө ашат.
Ак чийди бирден талдап, ага ар кандай кооз оюм түрлөрүн кештелөөчү ыкманы «чырмак» дешип, андай өнөргө аттанып түшкөн уздарды журтчулук «чырмакчы» аташкан. Демек, чий затынын көркөмдүк ыроологон түрүн «чырмакчылык» дейбиз.
Кутмандуу кыргыз калкыбыз турмуш-тиричилик ыңгайына карай колдонууда чийдин эстетикалык татымын, ошондой буюмду ойдогудай жасоого ийкемдүүлүгүн эзелтен эле жогору баалайт.
Чийден жасалган буюмдарды узак убакыт урунууга нап берет. Чий улам кургаган сайын чыйралат. «Канат чий» кийиз уютуп ийлегенге, тамак-аш койгонго шарттуу керектелген. Ал жашоо-тиричиликке жараша «ала чий», «орогон чий» делинет.
Токулган чий боз үйдүн тигилүүсүнө тийиштүү комплекс катары пайдаланылат. Албетте, бардык эле боз үйлөргө токулган чий бирдей даражада болбойт. Ар адам алына чактап, сөзсүз боз үй көтөрөт. Жупуну жашагандардын боз үйлөрүндө дээрлик «канат», «ашкана», «эшик чийине», жөнөкөй эле эндей согулган ак чий каланат. Ак өргөө көтөрүүчүлөр азыр көп. Кол учуна кармалган бир тал чийге түрдүү түстөгү жүндү эпилдетип, чырмап оюм түшүрүшөт.
Ал эми «эшик чийдин» абдан бышык болушу үчүн аны согууда атайын жылкынын көгү колдонулат. Чий чырмоодо чеберлер атайын үлгү колдонушпайт. Алардын тигил же бул оюм көчөттү чий аркылуу берүүдө көз өлчөмү гана кадиктелген. Абалы кабагы аарчылган бир тал чийди алып, ага оюмдун кайсы жери түшөөр аралыгын сарысаптап өлчөп, ичке ийне аркылуу «тырс» тешип белгилеп алып, анан ага ылайыктуу назик тытылып түйдөктөлгөн созулма жүндү бирдей калыңдыкта чырмашат. Мында жүн оролгон ар бир тал чий бири-бирине окшошпой түшөт.
Чырмак деле негизинен эзелтен берки элдик мүнөзгө эгедер, төтөн, кийизчиликте колдонулуп келинген оюмдун түрлөрү түшөт. Бирок оюм чийге сындырылып түшүрүлөт.
Андайларга: «кош мүйүз», «кочкор мүйүз», «туура мүйүз», «сыңар мүйүз», «каркыра», «куш канат», «жагалмай», «тогуз төбө», «кырк шак», «табак оюм», «бадам», ошондой эле «кереге көз», «ала мойнок», «комуз тили», «килем көчөт», «сайма көчөт» жана башкалар түшөт.
Айталык, боз үйдүн ичиндеги чырмакчылык менен бүткөрүлүүчү көркөм жасалга «ашкананы» (чыгдан) «мүйүз оюму» менен бериш үчүн ар бир тал чийдин эсеби алдын ала такталат. Чырмалуучу ошол бир талдын аякбашынын чени да белгилүү. Эгер уздун көңүлүндө уялап жүргөндөй муну төрт өңдө берүүгө тийиш десек «мүйүз оюмунун» башын же анын чеке белин көрсөтүүдө кайсы түстөгү жүн канчанчы тал жүн аркылуу кошулат. Оюм менен ак чийдин аралыгы кандай берилет, оюмдун кылда учу менен аягы кандай кошулат, ошондой узун-туурасы метр, бир метр сексен сантиметр бийиктиктеги бар буюмдун жалпы аянтына канча тал чий, жүндүн түрүнөн канча өлчөмдө кетээринен уздар жаңылбайт.
Ар бир чырмалган тал чий белгиленип турулат.
Чий өсүмдүгүнүн бышкан маалы августтун экинчи жарымына туура келет. Өтө ката элек чийдин жумшак кезинде ыгы менен жулуп, мээлүүн жерге кургатат. Чийди түбүнөн кетмендеп казып алууга да болот. Согуу жана чырмактоо алдында боолоп коюлган анын кабыгы аарчылат. Нымдуу жайда жаткан чий чирип кетет.
Бир метрден бийик эки казыкчага узата коюлган түндүк бакан тал чийлерди токуунун жөнөкөй станогу болот. Чийди токуунун элдик жөрөлгөсүндө токула турган шоона төөнүн чуудасынан же койдун узун кылчык жүнүнөн чыйратылат. Ага тандалып алынган сайдын томпогой таштарынын жыйырма чактысы байланат. Чийдин талы бирден станокко коюлган сайын шоонага чырмалып, салаңдаган таштар бири-бири менен алмашып турат.
Ашкананын (чыгдан) ичине идиш-аяк, тамак-аш коюлат. Ал боз үйдүн эпче жаккы бөлүгү болуп саналат. Ашкана (чыгдан) бийиктиги болжолдо 120– 125 см. Узундугу 2–2,5 метрге жетип, чырмак оюм салынып да, жөнөкөй да токулат. Оң жагы уукка байланган ашкананын (чыгдандын) эки жагында үчтөн алты кулагы болот да, босого тарабы ашкана оозу (чыгдан оозу) чий аркылуу тосулат. Ашкана урунтуктуу болсун үчүн аяк-башы 10–15 см кездеме менен капталып, өйдө жагындагы жердикке сайма көчөттөрү түшүрүлүп, мончоктолгон топ чачы да тагылат.
Канат чийдин узундугу боз үйдүн аянтына карата аныкталат. Ал эми бийиктиги ашкана чийдей келет. Бул да чырмакталат, же жөнөкөй деле согулат. Мунун да эки башында үчтөн алты боосу болот. Алар ыңгайына карата уук, керегеге жана босогонун таягына байланат.
Канат чийдин баш-аягы ийректелет. Эгер оюм түшүрүлүп чырмакталса, анда чийдин баш-аягы кара жүн менен чыбыкталат.
Канат чийди, ашкана чийди оюм-түр түшүрбөй, түрдүү түстөгү жип менен чырмактап да жасашат. Аны чий чырмакчылыкта «чыбыктоо», же «тап бердирүү» деп аташат.
БОЗ ҮЙДҮ ТИГҮҮ
Элибизде «бирөөнүн үйүн чечмек бар, тикмек жок» деген макал төгүнүнөн айтылбайт. Албетте, көк конушта боз үйдүн келишимдүү тигилип турушу кимди болсо да өзүнө суктандырат. Бирок бардык эле аялдар боз үйдү тиге билишпейт. Боз үйдүн жасалгаларын, туурдук-үзүктөрүн дал өзүндөй кереге-уугуна карай кынаптап жайлаштырып жаба билүүнүн өзүнчө бир чеберчилиги бар. Кээде «Тегерете карадым, тегиричи бүтүптүр, кыдырата карадым, кылдыроочу бүтүптүр, атаганат тигилиши гана начар экен» деген өңдүү сөздөрдү да кулагыбыз чалып калат.
Мына ушундай сын сөздөрдү укпаш үчүн үйдү тигүүнүн ыкмаларын жакшы билүүбүз зарыл.
Үйдү тигүүнү баштоодо абалы төр керегесин жайып алабыз. Анан анын канаттары оңго жана солго керилет. Бири-бирине ашталган кереге ортолорунан атайын өзүнүн сызмасы, же эшме жиби аркылуу арчындалат, чымырата тартылат. Канат керегелердин бир жак учу босого-таягы менен мына ушундайча бекитилет. Минтип, короолото тегерек болуп, канат керегелер жайылгандан кийин гана башы эки ача баканга эки жагындагы жел боолорун бакан менен кошо кармап, түндүктү көтөрүү керек. Түндүктүн чок ортосундагы чамгарагынан бакандын ачасына аштай бир адам тыкан кармап, үйдүн коломтосунда туруп, өйдө көтөрүп берет. Ошондон соң түндүктүн көзчөлөрүндө ууктардын учтарын адегенде ар кай жерине туш-туштан сая баштайт. Бир нече ууктар сайылып, уук боолор кереге баштарына тыкан байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар өзүлөрү көтөрүп калат. Уук учтары түндүктүн көзчөлөрүнө буралып, имериле сайылбашы тийиш. Андай үй өчөйүп, сынын бузуп, бөйрөктүү тигилбей калат. Андыктан үйдү тигүүчүлөр уук баштары менен кереге учтарын кайрадан карап түздөп чыгат да, түндүгү ортодо туура турганын байкагандан кийин уукту ар бир кереге башына аштай байлап киришет.
Боз үй тигилген соң эшик тыштын чий чырмакталган узун учунун атайын керилген сызмасы түндүктөн илинип, түндүк босогого казык баш чалынат. Андан кийин сиздер жабык башты, тегиричти жаап, кереге таңгычты керегенин белинен жүгүртүп, эшик таякка курчай чымырата таңылат. Эми канат чий керегеге курчалат.
Адатта, боз үйдүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы эшме чыйрак жиби эшик босогого бекитилет.
Боз үйдүн кош туурдугу (тутуусу) да кадимки канат чий өңдүү керегеге жабылат да, туурдуктун бел кырчоосуна кыл аралаша эшилген аркан курчалат. Туурдуктун сызма боолору ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө тыкан байланат.
Үзүктү жабууга үч кишинин колу кармалат. Оболу анын боолору ичине келтирилип, үзүк тумарча кылынып үч бүктөлөт да, ортосундагы адам бакан менен орто белинен өйдө шап көтөрөт, үзүктүн үстүңкү жээктери түндүктүн түбүнө такалат. Анан четки экөө үзүктүн эки этегин ылдам жайып кетет. Экинчи үзүктү жабууда да ушул эреже дал өзүндөй кайталанат. Үзүктүн сырткы эшме боолору уук кереге көздөрүнөн арта салынып келинип, бел курчоо жипке илме тартылып, кайра керегенин түбүнөн ичкери карай өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзүнө илмектүү байланат.
Түндүк жабуу сыртын карай эки бүктөлүп, боз үйдүн артынан бир адам эле так өйдө көтөрүп бакан аркылуу жабылат. Анын төрт боосу болот. Бирөө боз үйдүн артына, экөө эки капталына бел кырчоого байланат. Алдыңкы жиби түндүк жабууну алга-артка тартууга жана түрүлгөн эшикти байлап коюу үчүн ар дайым бош болуп, беркилерден жоонуураак келет.
Боз үйдүн сыртынан үзүктү этектеп «кылдырооч» тартылат да, төрт жерине «төтөгө» түшөт.
БОЗ ҮЙДҮН ЖАСАЛГАЛАРЫ
Элибиздин усталары менен уздары өз өнөрлөрүнүн күчүн боз үйдү тигүүдө чыгарышкан. Буга узангандарды жана уздангандарды: жыгач уста, зергер, оймочу, саймачы, чырмакчы, эшмечи, өрмөкчү, токуучу, түймөчү өңдүүлөргө бөлүшөт. Демек, боз үйдүн ички-сырткы жасалгаларын калыс көздөн өткөрүүчү сынакейлер: «Тегерете карадык, тегиричи жок экен, кыдырата карадык, кылдыроочу жок экен» – дешет.
Боз үйдүн жасалгаларынын бири «жабык баш» деп аталат. Мунун этегине тегирич улай тигилет, «жабык баш» көбүнчө кийизден шырдак сымал оюлат. Айрым жерлерде анын саймадан жасалганын көрүп жүрөбүз. «Тегирич» көбүнчө термеден болот. Алай, Алайку тарапта кажары таардан да согулат. Жабык баш жана тегирич ууктун билегине айланта жабылат. Тегиричтин түймөчүлүк искусствосу аркылуу жүзөгө ашкан «төкмө чачы», «топ чачы», «кереге көз», «тор чачы» жана «кылыч байлоо» өңдүү чачыктары болот.
Ошентип, тегирич менен түймөсү бар жабык баш: төркү (арткы), алдыңкы (маңдайкы) болуп экиге бөлүнөт.
Эшик чий, канат чий, ашкана (чыгдан) жөнөкөй ак чийден токулушу да ыктымал. Көркөм оюм түшүрүлгөн чий «чырмак» деп айтылат. Чийди боз үйгө колдонууда «чыбыктоо», «тап бердирүү» деген ыкмалары бар.
Боз үйдүн ички көркү өрмөкчүлүк аркылуу жүзөгө ашат. Ал «кара терме», «кажары» (букары), «беш кеште», «кара таар», «сызма» деген түрлөргө бөлүнөт. Буларга: «кереге таңгыч», «саканак чалгыч», «кереге чалгыч», «үзүк боо», «туурдук боо», «жел боо» (түндүк боо) өңдүүлөр кирет. Мунун ичинен «эки жүздүү терме» жана «бир жүздүү терме» деп бөлүнөт.
Боз үйгө туш кийиз тартуу – абалтан берки нарк. Мунун боолору ууктун билегине тагылат. Боз үйдүн кире беришиндеги оң ыптада «аяк кап» кереге көзүнө илинет. Ал кийизден шырдактай оюлуп жасалат. «Ашкана» (чыгдан) тартылат. Андан ары керегеге көөкөр, көнөчөк, чыны кап илинсе жарашат. «Күзгү кап», «тепченин» илиниши үйдү ого бетер көрктөндүрүп жиберет.
Азыр коломто болбогондуктан үйгө шырдак менен ала кийиз салынат. Көрпө көлдөлөң, курак, сайма төшөк төшөлөт.
Боз үйдүн жүгү өзүнчө кооздукту ыроолойт. Жүктү кертимдеп жыя билүү кыз-келиндердин чеберчилигин айкындайт. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калың килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктары, улуттук кийимдер элдик узчулук менен устакерчиликти таасын аныктап турат.
Боз үйдүн ички жасалгасына коюлган андай чакан буюмдардан биз ширелишкен композициялык байлыкты, оюм менен көчөттүн диапазонунун өтө кендигин, геометриялык сызыктардын тууралыгын жана улуттук колориттин чагылышын көрө билебиз. Элдик буюмдардан көркөм чыгармачылыктын чыныгы жемишин, эстетикалык күчүн, улуттук мүнөзүн баамдап турабыз.
БОЗ ҮЙДҮН ЧЕЧИЛИШИ
Боз үйдү чечүү оболу «түндүк жабууну» сыйруудан башталат. Эми эшме боолорун кырчоодон чечип, төркү үзүктү (арткы үзүк), анан алдыңкы үзүктү (маңдайкы үзүк) сыйрып алуу керек. Үзүк үч бүктөлүп коюлат. Мындан кийин «жабык баш» «тегиричи» менен түрүлүп (томолоктоштурулуп) алынат. Бел кырчоо алынары менен эки туурдукту сыйрып, аларды төрт бүктөп коёбуз. Мындан соң канат чийлердин боолорун чечип, өзүнчө түрүп алабыз. Түрүлгөн чийлер боолору менен арчындалып таңылат да, эшик чий кошо сыйрылып, өзүнчө оролот. Эми «уук тизгичти» түрүп алып, ууктарды аттап чечүүбүз зарыл. Он чакты уук чечиле электе ала бакан (түндүк бакан) аркылуу жел боосун каттай кармап, тиреп түндүктү алабыз.
Чакан үйдүн уугу да, керегеси да эки бөлүнүп таңылат. Уук жыйналары менен «кереге чалгыч», «кереге таңгыч», «саканак чалгычтар» катар түрүлүп алынат да, кереге канаттары бириктирилет. Керегенин канатын жыйноодо анын саканактарын кынаптап бастырып, аны «саканак таңгыч» же «кереге чалгыч» менен тыкан байлоо керек. Ууктар да өзүнүн боолору аркылуу байланат да, уук учтары сынбасын үчүн ага «уук учтук» кийгизилет.
БОЗ ҮЙДҮ ЖҮКТӨӨ
Азыр да айрым төрлөргө көчүп-конуулар атайын күч – унаалар аркылуу жүргүзүлөрүн көрөбүз. Ошондуктан, боз үй кандай жүктөлөт? Бул туурасында кыскача айта кетсек ашыктык кылбас деген ойдобуз.
Айткандай, боз үйдүн туурдугу төрт бүктөлүп, үзүк үч бүктөлүп, унаанын белине коюлат.
Эки бөлүк уук өзүнчө, эки бөлүк кереге өзүнчө унаага теңделет. Жүк жүктөө мезгилинде унаанын бели талыбасын үчүн иреттүүлүк талап кылынат. Башкача айтканда, бир унааны адегенде эле сылай артып койбойт. Үй эмеректери бир эле чакта кезеги менен бардык унааларга артылып кеткендей жагдай түзүлүшү тийиш.
Көчтү жүктөөдө аягында идиш-аяктарга кезек келет. Алардын үстүнөн казан көмкөрүлөт да, түндүк жабуу менен чүмкөлүп, унаанын бели тартылат. Анан тулга бастырылып, эң аягында түндүк көмкөрүлөт.
БОЗ ҮЙДҮ САКТОО
Мурун босого-таякка таштан же кыштан бут кылып, анын үстүнө керегелерди жаткызчу. Анан кереге үстүнө ууктарды кынаптап, анын үстүнө канат чий, ашкана чий, эшик чийлер орун алат. Эми туурдук менен үзүктүн арасына үйдүн жип-шуулары, ички жасалгалары катылат да, үстүнө түндүк көмкөрүлөт.
Илгери жайдыр-кыштыр көчүп-конуп, боз үйдүн кийиздери жана жип-шуулары табигаттын ар кандай кубулуштарына чыдап, эч качан күбө уялоочу (жечү) эмес.
Демек, азыр боз үйдүн жабдууларын жана жабууларын күбөдөн сактоонун арзан жолу эле аларды кургак жайга кармап, кез-кез күнгө жаюу, желдетүү зарыл. Оролгон кийиздин араларына нафталин себиш керек. Жана да кесек махорка тамекисин чачып турса да болот. Албетте, мында кийиз нымдашып калса, тамеки сиңип саргайып калат.
Даярдаган Мирзохалим КАРИМОВ