КЫРГЫЗДАР
Кырк томдук
13-ТОМ
Тарыхый салт-нарк
Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Жылдыз БАКАШЕВА, Макелек ӨМҮРБАЙ
Томдукта кыргыз элинин салт-санааларын жана наркнасилин камтыган материалдар киргизилди.
САЛТ-НАРК
ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУ ЖОРУК-ЖОСУНУ
Уулду үйлөнтүү, келин алып, куда-сөөк күтүү кыргыздардын каадалуу салттарына кирет. Теңирчилик доорунда (I–XII к.к. чейин) Энесай, Алтай, Саяндагы жана Ала-Тоодогу кыргыздардын хандары, төбөлдөрү, байлары төрт аял алууну салт көрүшкөн, ал эми шартка жараша алган аялдары, кудалары ар уруудан жана бөлөк элден болушкан. Мындай куда-сөөктүк мамиле уруулардын, элдердин ортосундагы ынтымакты, байланышты бекемдөөгө бейпил турмушта жашоого өбөлгө болгон. Кийинки доорлордо коомдук, социалдык жашоо-турмуштун өзгөрүшүнө жараша жаштардын үйлөнүүсү, колунда барлар менен жардынын ортосунда куда-сөөк күтүү, калың берүү, той өткөрүү үлпөттөрү ар кандай абалга дуушар болсо да, жалпысынан эзелтен уланып келаткан улуттун кааданаркы сакталды.
Ата-эне уулга жар тандоону эрте ойлонуп кам көргөн. Боз уланга бой жеткен каркыралуу кыз тандоо эзелтен берки каада-салт менен жүргүзүлгөн.
Куда. Баш кошууга ниеттенген эки жаштын – жигит менен кыздын аталары бири-бирине куда, энелери кудагый, кыздары кудача болушат.
Бел куда. Достор, сырдаш, ынак курбу-курдаштар жакындык ылымды сактап калыш максатында төрөлө элек балдарына бел куда болууга убадалашкан. Кыз, эркек төрөлсө аларды чоңойгондо үйлөнтүп-жайлантабыз, кудасөөк болобуз деп, алдын ала тилек кылып куда күтүшкөн. Бел кудалар сүттүүдөн сүрөгүмдү, атандан лөгүмдү, туу бээ, тукур атымды, ак сарбашыл коюмду аябаймын деп антташкан.
Бешик куда. Бешиктеги балдарына куда түшүшсө, бири-бирине бешик куда болушкан.
Кайчы куда. Эки жактан бири-бирине кыз беришсе, кайчы куда аталышкан.
Сөөк куда. Туугандык байланышты үзбөө максатында жээн бала таэжелеринин кыздарына үйлөнүшсө, ата-энелери сөөк куда болушкан.
Жуучу. Эне-ата тыкандык менен алдын ала кыз тандашып, жигит-кыз бири-бирин жактырышкан соң, баба салтын билген жуучу, сынакай өкүл шайланып, кыздын ата-энесинин үйүнө түшөт. Жуучу кызды сынайт, куданын атынан калыңды, той камылгасын бычышат.
Сөйкө салуу. Өткөн доордо жигит тарап ата-энеси кудага малды тогуздап алып барышчу.
Кудалар (бала жагы) келатканда көк бөрү тартылат. Эки тараптын жигиттери улакты кыздын атасыныкына ташташат. Эки куда тең аларга соорун (байге) берет.
Кудалар көтөргөн үйгө жайланып, кап сөккөндөн кийин өз жакындарын тараткан соң, кыздын жеңелери болочок кайын энесине «кыз көрүңүз» дешет. Кайнене күмүш сөйкөнү салып, бетинен өбөт.
Кудалар (бала жагы) кийит кийип аттанарда эки колун бооруна алышып, кыздын ата-энесине кулдук урушат. Кыздын ата-энеси: «Ырыс-кешиктүү болсун, ыймандуу болсун бүлөң, кудай тилегиңерди берсин» – деп алкашат.
Күйөөлөө. Бир жылдан кийин бала биринчи мертем жеңкетайын камдап алып күйөөлөп барат. Күйөө бир жарым чакырым жерге аттан түшөт. Айылдагы жеңе, балдыздары тосуп алышат. Күйөө жүгүнөт. Күйөө жолдошу менен күйөө атайы көтөргөн үйгө киришет. Муну «үй жаны» деп атаган.
Жеңелери жеңкетай доолашат. Жеңелери кызды алып келатканда «эшик ачар» алышат.
Күйөө жолдош менен күйөөнүн кулагын чоюу башталат. Ак кийизге төшөлгөн баяндостун эки тарабына кыз-жигиттер каз-катар тизилишет. Күйөө бала биринчи ырдап келип алуучу колуктусу менен жүз көрүшүп, колун мойнуна арта салат.
Үйлөнүү тойго баталар. Үйлөнүү тою кыз-жигит эки баштын кошулушуп турмуш куруу тоюн көрсөтөт.
Бул тойдун эл чогулткан максатынын чоң жери дале «бата алуу» болуп эсептелет. Үйлөнүү тоюнун салттык алкактары көп. Бирок эң чоң бата бере турган жери «кой мууздаардагы» бата. Бул тойдун негизги батасы болуп, тойго союуга атаган малды эл алдына туура тартат да, анын башын той ээси кармап турат. Ошондо жалпы эл алакан жайып «оомийин» деп турганда, эң салттуу ак тилек батаны ошол тойго келген адамдардын аксакалы, кадырман кишиси берет. Мында берилген бата кыска, жөнөкөй, «бет сыйпап коймо» бата болбостон, бүткүл тойго элдин ак тилегин баяндап туруучу бата, атап айтканда, батанын башы болуш керек.
«Үйлөнүү тойго баталардын» дагы бир берилүү кезеги «кыз ойнотор» оюн-шоок соорунунда берилет. Бул соорунда той башкаргандар тойдун төрагалары «эки баштын» (эки жаштын) тоюна куттуктоо ак тилек бата берет. Уулдун атасы, кыздын атасы жана башка туугандары бата беришет.
Кыз оюну. Түн болгондо кыз күйөөнү бир жакын туугандарыныкына алып барышат. Ал атайы көтөрүлгөн үй болот. Жигиттин атасы «кыз ойноторум» деп бир жылкы, жок дегенде тай берет. Жалаң кыз-келиндер, жигиттер ошол үйгө чогулушат. Атайы ак өргөөлөрдө, сыртта кыз оюндары башталат. Алты бакан селкинчек, жоолук таштамай, шакек катмай, эл чабар, ак чөлмөк, токту сурамай сыяктуу жаштардын оюну күндүр-түндүр болгон. Эки тарап тең бу шаан-шөкөткө бирдей катышып, жаштар арасында акыл, айлакерлик, сергектик сынагы байкалган. Кыз оюнду адатта шайыр келин башкарган. Кыз оюнунда күйөө жолдоштун шайырлыгы, тамашакөйлүгү, сөзмөрлүгү, ырчылыгы, чыдамдуулугу, жигиттиги тойду шаңга бөлөйт. Анткени ал колукту алуучу азаматтын жан курбусу жана акылчысы. Ал күйөө жолдоштун бардык аземинде бирге болгон кыз-күйөө алты бакан селкинчек тебүүгө да катышат.
Төшөк талашуу. Бул учурда уул атасынын ага-ини, жар-жоросу тың аттарын минип, чыңданып келип калган болот. Кыз атасынын айыл-апа, тууган-уруктары «төшөк талаш оюн кылып берсин, кудалар?» деген суроо менен төшөк талаш деген оюн болот. Кыз атасынын аялдары, жигиттери тереңдиги бир метрге жакын ороо казат. Жаргылчакты эки-үч кат буруп койгон аркандын учуна бекитип, ороонун түбүнө таштап көмүп салат.
Аркандын бир учу эки-үч кат болгон бойдон түрүлүп коюлат. Анын тегерегин бардык аялдар сактап жана күйөө тарабына арканды карматпас жана үздүрбөс аракетин кылат.
Бул арканды жөө же атчан каптап кирип, жулуп алып же үзүп алып кетпесин үчүн арканга жолотпойбуз деп, күл же уйдун суюк тезегин, же кык, же ылайга окшогон адамды булгай турган нерсени ошол тегерекке чылап коёт. Уул атасынын эли каптап, качырып киргенде баягы чыланган нерселер менен ургулап, арканга жакындатпастын айласын кылышат.
Куржун сөгүү. Куда салтынын шаан-шөкөтүнүн бири «куржун сөгүү» болот. Кызды алып кете турган кудалар кап, куржун толо нан, өрүк-мейиз, эт, боорсок толтуруп, оозун тигип келишет. Алып келген куржундун оозун нарктуу байбичелер сөгөт. Салт боюнча «куржун сөгүү» эрежесин аткарган байбичелер жакшы тилек айтып, ырымдап, куржундун, каптын оозуна жоолук байлашат же акча-тыйын беришет.
Кыз таңар (күйөөтаңар), бут басты. Үйлөнүү тою аяктаганда жеңелери күйөө кызды курчап, көздөрү көрбөс үчүн баштарына жоолук орошот. Ушу маалда күйөө же кыздын кимиси эң мурда экинчисинин бутун басса, ошобереги келечекте үйдү башкарып калат деген жорук-жосун.
Жан баштык. Күйөөнүн колуктусуна капчыкка таттуутарапа салып берген биринчи белеги.
Кыз кыңшылатуу. Кыз оюну учурда, айрыкча 40 күн кыңшылатуу тою өтө шаңдуу, шайыр күндөр өтөт. Кызкелиндер узап жаткан кыз менен коштошууга камынышат.
Узай турган кыздын башына кооз, сыйда кымкап же жаңы чапан жаап, анын ынак курбу-курдаштары нөөмөт менен кымкапка башын катып, чекелерин тийгизип коштошуп, кыңшылап үн чыгарышкан, ыйлашкан. Андан кийин кезек чоң энесине, өз энесине, жеңелерине берилген. Алар элде айтылып келген үлгүлүү сөздөр, обон менен кошок айтышат.
Ат жабдыктардын кооздугу жана нарктуусу күйөөгө узатуучу кыздын аттанар атын токууда бөтөнчө көрүнгөн.
Кыз узатуу, келин киргизүү баталары. Кыргыз салтында кыз берүү, келин алуу «ак нээт иш, жакшылыктуу иш» деп айтылып, тиричилик турмуштун олуттуу окуясы эсептелет. Бул ак нээт иштер эл менен элдин ак нээти, ак батасы менен бүтүп келген. Бүткүл той өзүнүн өтүү жүрүшүндө ак баталарды ала жүргөн чоң соорун болуп, анын ичинде кыз узатканда, келин киргизгенде берүүчү баталардын өзүнчө орду болгон.
«Кыз узаткандагы баталар». Той болгон кызга тойлук кийим кийгизгенде кыздын ата-энеси эң алдында көрүп, жарашымына көз чаптырып болгон соң баталарын берип, той кийимин куттукташкан; андан соң кызды көчүрөрдө кыздын атасы өзү жетелеп чыгып, кызга төркүнү жакка баштантып улуу бата беришип аттанткан.
Кыз көчүрүүдө дагы бир бата берчү жайыт, «кыз кыңшылатмай» деп аталган «кыз менен көрүшүү кошогунда» кызга ак тилек, ак баталар кошокко жуурулуп айтылган. Бул баталарда өзүнчө «кошоктогу баталар» деген топту түзүп, бата жөрөлгөсүн улантып келет. Мында энеси, эжеси, жеңесинин кошокторунда бүт эле баталар айтылган.
Келинди үйгө киргизгендеги баталар. Келин көчүрүлүп келген соң, кайнатасыныкына «отко кирет». Алоодон аттап өтүп, кайнатасынын босогосун аттаганда келин жүгүнөт, ошондо кайната, кайнене жактан бата берилип келиндин оозуна май салып, алкап үйгө киргизет. Андан соң жаңы келин кайын журтуна жакын тууган болгон улууларга алгач көрүшкөндө жүгүнүп салам берет. Инсандын ыйбаалуулук бул тартиби эң жогору кадырланууга арзыйт. Ошондуктан келин жүгүнгөндө ал улуулар өтө астейдил бата беришет. Бул кыргызда адамдар ортосундагы «урмат-ызат», маданийлиги, урпактардын адамгерчиликтүү өсүүсүнүн, «тайбас» болуп калбоонун түпкү шарттары болуп келген.
Ал эми келин жүгүнгөн кезде бата берүүчүнүн батасынын күчтүү айтылышы ушул адамдын кадыр-наркын белгилеп турган көрүнүштөй эле туюлат. Аны жөнөкөй гана «кудай жалгасын» деген сөзгө жыйынтыктап коюу бата берүүчүнү жөнөкөйлөштүрүп коёт.
Мындан бөлөк кыз-күйөө кыздын төркүнүнө отко кирүү салты да бар.Ошондо кыздын ата-энеси кыз-күйөөгө бата берет.
Төмөндө «кыз узатуу, келин киргизүү» баталарынын үлгүлөрү.
Кызга той кийимин кийгизгендеги атасынын батасы:
Кийимиң эптүү болсун, Элечегиң кептүү болсун. Сымбатың көрктүү болсун, Жүрөгүң өрттүү болсун. Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Тукумуң журттан ашып, Тууганың канат болсун. Ак куунун мойнун берсин, Ак гүлдүн жытын берсин. Каныкейдин акылын берсин, Айчүрөктүн ажарын берсин.
Зулайканын дидарын берсин. Талдай бой берсин, Шамдай ой берсин. Жаздай жыпар берсин, Кардай жамал берсин.
Үйүңө кишиң келсин,
Кешикке кошо шыбага келсин,
Шыбага келсе ырыс келсин,
Энеге күйүмдүү бол,
Атага сүйкүмдүү бол,
Эжеге чубак бол, Назик жан бол, Элиңе ар бол.
Башыңа өнөрдүн багы консун, Шагына түгөйлүү жары болсун. Оомийин!
Кызды көчүрөрдө атанын батасы:
О, кызым, барган жериңден бак берсин. Көл боюнда талың болсун, Көлөкөлөр чарбагың болсун. Үйүңдүн үстү жагында, Үп тартылган кайык болсун. Короо толгон коюң болсун, Козголбос тоодой оюң болсун. Аттанып үйдөн чыкканда, Айчүрөктөй жолуң болсун. Алла ыраазы болсун, Оңуңдан күнүң туусун.
Солуңдан айың туусун. Маңдайыңдан чолпонуң балбылдап, Жолуңду жылдыз жуусун.
Бактылуу бол, багың жансын, Таттуу кыз бол, балың тамсын. Таалайың мөл болсун, Баскан изиңе гүл өнсүн. Куу жыгачты кармасаң, Жашыл токой бүт болсун. Куу куурайды кармасаң, Кулпуруп турган гүл болсун.
Оомийин!
- * *
Алаканың жай чырагым: Калкыңа калалуу бол, Элиңе элелүү бол. Тоодой тоолор бергенче, Бармактай бак берсин.
«Атаң, энең» дегизбе,
Ата-энеңди эгизде, Алдыңан ай туусун, Аркаңдан күн туусун. Улуунун жолун кеспе, Ата-энеңди муңдурба, Сөөктү сындырба, берекем. Оомийин!
- * *
Ээ, берекем,
Элиңе элелүү бол, Калкыңа калалуу бол.
Ата-энеңе жагымдуу бол.
Кайыныңа кайрымдуу бол.
Айылыңа абройлуу бол.
Алганыңа жайдары бол.
Берерге белен ашың болсун, Көрөргө көксөм жашың болсун. Бешигиң алдыңдан түшпөсүн, Башыңдан жакшылык кетпесин. Оомийин!
* * *
Көшөгөң көгөрсүн, Багың ачылсын. Бакыттуу бол, Көзүң ачылсын.
Кайырлуу болсун,
Сапарың оң болсун,
Жолуң шыдыр, жолдошуң Кызыр болсун. Эл-журтуң аман болсун,
Кырманга Кызыл толсун.
Көч байсалдуу болсун, Тилегиңди берсин, Тилегиң кабыл болсун.
Оң толгоо берсин,
Кудай оңдоп, Теңир жалгасын.
Жылдызың жансын,
Ак мол болсун, Мал-жаның аман болсун.
Таалайың оң болсун,
Башыңа бак консун,
Кадамың куттуу болсун, Конушуң оттуу болсун. Оомийин!
Кыз-жигитке атанын батасы:
Пайгамбарым батасын берсин, Душман алдыңарга өтпөсүн.
Батма, Зуура
Улукман пирлер колдосун. Жети атасы жетимиш, Мага окшоп көпкө чыксын. Томпойгон чал-кемпир болсун, Балдарын жетелеп жүрсүн.
Ак жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун,
Тапканы насип болсун,
Казандары кайнасын,
Оттору жайнасын,
Канаттары карыш,
Куйругу кулач болсун.
Суудан тунук, адамдан улук болсун.
Айдан жарык, Күндөн ысык болсун. Пахтадан ак болсун, Көөндөрү ток болсун. Кардылары ачпасын, Кайгы тартпасын.
Короо толгон кой болсун,
Койну толгон бала болсун.
Алтындары төргө чачылсын.
Бактылары ачылсын, Күмүшү жерге чачылсын, Күндөй бактылары ачылсын.
Кетпес дөөлөт, Кең пейил берсин. Оомийин!
Оомийин деп колуңду жай, Мен да бата берейин.
Бергенде бата не дейин, Оболу кудай колдосун, Олуялар колдосун.
Малың менен башыңа, Эч жамандык болбосун. Берекелүү бак конуп, Бирдей өссүн мал башың. Насибиң артып күн сайын, Өзөгүң эч бир талбасын. Жараткан өзү жар болуп, Пендеге күнүң салбасын. Жаратуучу кудурет, Жалгагандын камын эт. Кайрылуу өмүр кечерди, Урпактарга насип эт.
Кошулган эки жаштарды, Зулайка менен Жусуптай Бир бирине ашык эт. Кайып эрен, кырк чилтен, Назарыңды салып өт.
Бакыт, дөөлөт перзентте,
Эч болбосун касырет
Ыклас тилекти тилеген, Тилекти кудай кабыл эт, Оомийин!
Жараткан аалам жар болсун.
Жакуттан үйүң бар болсун.
Алтындан болсун түркүгүң,
Асылын кийип түлкүнүн,
Тактысына минип ал,
Тамаша менен күлкүнүн, Узун кылсын жашыңды,
Урматтуу кылсын башыңды.
Колуңдан дөөлөт кетпесин. Ишиңди кудай эптесин.
Алганың алтын сеп болсун,
Айткан кебиң эп болсун Жалган башың жыргасын, Жайласын жердин жылгасын. Кыздарың кымкап жамынып, Кыйшайып колун сунбасын. Балдарың тогуз беш болсун, Сага бак-таалай, ырыс тез консун. Орошолуу жай болсун, Ортончу балаң бай болсун. Канатташ айылын жыргаткан, Кабыргасы май болсун.
Ак жалгасын, Кудайым колдосун, Оомийин!
Жакшылык тойго жайылган, Дасторконуң мол болсун. Чыктаның майга толсун, Аброюң зор болсун.
Кабагың жарык болсун,
Келиниң кичи пейил болсун, Балаң абийирдүү болсун, Короого малың толсун. Үйүңө бала толсун. Чубурган урпактарың, Тегиз аман болсун.
Бейкутчулук заман болсун, Айткан батам кабыл болсун, Бабалардын арбагы колдосун.
Оомийин!
Жаш келиндин келген жери, Куттуу конуш, турак болсун. Бирөө чал, бирөө кемпир, Өмүр өткүчө ынак болсун. Кумар артып, ышкы канбай, Кыска түнгө шыбыр толсун. Балапан менен, балакан менен Бешигиң ичи үбүр болсун. Кулун, тайдын кызыгы менен Үй ичине дүбүр толсун.
Кары күтүп, бала багып, Мол кызыкта чарчап жүрсүн. Карыларга мээримдүү, Келиндерде адеп болсун. Ата тутуп, эне күткөн, Баба жолу адат болсун. Оомийин!
* * *
Сапарыңар байсалдуу болсун, баш кошкон эки жаш! Алдыңарды бала, артыңарды мал бассын.
Кармашкан колуңар түбөлүк ажырабай, Бириңе бириң өйдөдө өбөк,
Ылдыйда жөлөк болгула, түгөйлөр.
Көрүнбөй өрттөгөн көздөн,
Көмүскө жойлогон сөздөн,
Буйтап качкан жолдон,
Бөлүп – жарган колдон кудайым сактасын.
Атпай кыргыз журтунун абройлуу, Акжолтой уул-кыздарынан,
Уюткулуу үй-бүлөсүнөн болгула.
* * *
Акылың ашсын, Ыкыласың ташсын.
Балаң неберелүү болсун, Кызың чөбүрөлүү болсун. Жакының көп болсун,
Душманың жок болсун.
Жакшы келсин кашыңа.
Нур жаасын башыңа.
Айылыңар малдуу болсун.
Жылкыңар жалдуу болсун. Жигиттериң эмгек этип, Агайындын алды болсун. Катуулуктан оолак бол, Таттуулукка ынак бол. Күйөө – жүз жылдык Куда – миң жылдык.
Кудай кошкон куда болот, Пайгамбар кошкон дос болот. Көңүл төтөгөлүү, Өмүр өтөгөлүү болсун.
Очогуң казандуу болсун, Түндүгүңдөн кут куюлсун, Дасторконуңа бүт жыйылсын.
Оомийин!
* * *
Алтындан болсун жакаңар, Күмүштөн болсун такаңар. Ташка таруу өнгөнчө, Тарчылык көрбөй өткүлө. Жүзүңөр жайнап, Келишимдүү болгула. Толгон айдай, Өрүштүү болгула.
Катарыңардан озгула.
Козгогон чоктой козгула.
Эң алды берекечил болгула.
Көпкө ырайымдуу көлөкөчүл болгула. Ден соолук, амандык болуп Узак өмүр жаш берсин.
Башыңарга кошуп баш берсин.
Оомийин!
Тойго кыска салам баталары:
Тоюңар куттуу болсун!
Жакшылыкка жакшылык боло берсин.
Тоюңар торколуу болсун, тоюңар тойго улансын!
Тоюңар шаттуу болсун, көңүлдүү баштуу болсун!
Үйлөнгөн жигитке: куш бооң бек болсун, тоюң куттуу болсун, алганың жарашсын.
Алганың менен тең арып, тең карыгыла.
Кулдук урганга:
Кулдук, кудам, жакшы тилек кут болсун, кудалык байланышыбыз ысык байлансын!
Кыз кыңшылатмай кошогундагы баталар:
Энеси: Жаккан отуң өчпөсүн,
Ынтымак, бирдик сакталып, Конушуңан көчпөгүн. Карыбагын, жашаргын, Кадимкидей жашагын.
Алтындан башың ыргап өт, Алганың менен тең карып, Ай тийгендей жыргап өт.
Күмүштөн башың ыргап өт,
Күйөөң менен тең карып, Күн тийгендей жыргап өт.
Аман бол, багың ачылсын, Алдыңдан көөхар чачылсын. Картайганда энекең, Көп какшабай басылсын.
Аттанып үйдөн чыкканча, Алтындан сери чачылсын.
Жеңеси: Байпай бир маасы кийип өт, Ынагым, байбичелик сүрүп өт. Кепич, маасы кийип өт, Ынагым, келинчилик сүрүп өт. Аттанып үйдөн чыкканча, Алтындын зери чачылсын. Аттанып үйдөн чыккан соң, Айдай бир багың ачылсын.
Күрмөлүп үйдөн чыкканча, Күмүштөн зери чачылсын. Күрмөлүп үйдөн чыккан соң, Күмүштөй багың ачылсын.
Эжеси: Ортон колдой кашыңа, Оролсун дөөлөт башыңа. Чыпалактай кашыңа, Чырмалсын дөөлөт башыңа. Арча бешик ыргап өт, Алганың менен жыргап өт. Кайың бешик ыргап өт, Күйөөң менен жыргап өт. Буйгага бугунун жүнү чачылсын, Букардай бактың ачылсын.
Керүүгө кекилик жүнү чачылсын, Керидей бактың ачылсын. Жылгадан жылкынын жүнү чачылсын, Жылмышпай бактың ачылсын. Коктудан коёндун жүнү чачылсын, Кокондой бактың ачылсын. Ак кайың жаагы ий болсун, Алганың дурус бий болсун. Көк кайың жаагы ий болсун, Күйөөң дурус бий болсун. Алдыңдан көхар чачылсын, Аман бол бактың ачылсын. Күмүштөн зер чачылсын, Күндөй бактың ачылсын.
Жеңеси: Шаркырап аккан булагым, Шарактап ойнор ынагым. Барганда багың ачылып, Кутмандуу болсун турагың. Көл боюнда талың болсун, Көлөкөлөр чагың болсун. Үйүңдүн үстү жагында, Үп тартылган кайың болсун. Короо толгон коюң болсун,
Козголбос тоодой уюң болсун.
Аттанып үйдөн чыкканда, Айчүрөктөй жолуң болсун.
Күйөөң жакшы болгон соң,
Күмүштөн чачпак сүйрөтөт, Күндө бир акыл үйрөтөт.
Алганың жакшы болгон соң, Алтындан чачпак сүйрөтөт, Айда бир акыл үйрөтөт. Алтындан бешик өңөргүн, Алганың менен көгөргүн. Күмүштөн бешик өңөргүн, Күйөөң менен көгөргүн.
* * *
Жаңы келин кайын-журтка келгенде, отко киргенде, кайната, кайненеге жүгүнгөндө төмөнкүдөй бата жолдойт.
Кудай жалгасын, Алдыңды бала бассын, Артыңды мал бассын.
Ак элечегиң башыңдан ообосун.
Алганың менен тең кары,
Көчтө минер жоргоң болсун, Тойдо киер торчоң болсун. Өзүңдөй күйөөң болсун, Жетелерге төөң болсун. Үнүң угумдуу болсун, Колуң жугумдуу болсун. Оомийин!
* * *
Кудай жалгасын,
Ак жолуң ачылсын, Өмүрүң узун болсун.
Жегениң жүзүм болсун, Жар-жааматың көп болсун, Отурган жериң төп болсун. Көшөгөң көгөрсүн.
Айдай бала төрөп ал,
Ак бешикке бөлөп ал.
Ак алмадай мөмөлөп жүр, Ак тооктой жөжөлөп жүр.
Көк алмадай мөмөлөп жүр,
Көп тооктой жөжөлөп жүр.
Ата-энеңди сыйлагын, Керилген келин бол, Чоюлган жубан бол.
Балпайган байбиче бол, Келген жериңен бак айтсын.
Эмки ата-энеңдин акыбети кайтсын. Оомийин!
- * *
Кудай жалгасын!
Бак карасын.
Кыдыр даарысын. Айдан аман, Жылдан эсен кылсын. Үйдөгү, тыштагы, Мал башты өсөөр кылсын. Оомийин!
- * *
Кудай жалгасын!
Тилегиңди берсин!
Алдыңды бала бассын, Аркаңды мал, дүнүйө бассын. Кудай ынтымак-ыраа берсин. Ызааттуу жаштан кылсын, Башыңарды таштан кылсын. Бата бердик жаш-кары, Алганың менен тең кары. Кош болгондо ыйлагын,
Кайын журтту сыйлагын.
Акжолтой, майлуу-сүттүү бол.
Алло акбар!
* * *
Алдыңды бала бассын, Артыңды мал бассын. Ак жоолугуң башыңдан ообосун, Алганың менен тең кары. Жалбырттаган оттой бол, Жайнап жаткан чоктой бол. Күнүң кыяласын, Күкүгүң уяласын.
Жетегиң боодо болсун, Арканың чууда болсун.
Берерге ашың болсун,
Көрөргө жашың болсун, Сүйөргө жарың болсун.
Намысың, арың болуп,
Бешигиң алдыңан түшпөсүн
Башыңан жакшылык кетпесин, Жамандык кууп жетпесин. Оомийин!
* * *
Кудай жалгасын, Тилегиңди берсин.
Кол кармашып өткүлө, Максатыңарга жеткиле.
Мөмөлөгөн дарактай,
Түшүмүң болсун береке,
Аппак келин уул тапсын, Айдай торсок чекелүү.
Жүзгө жетип жашыңар, Куудай болсун чачыңар. Оомийин!
* * *
Кудай жалгасын,
Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн.
Көшөгөң көгөрсүн.
Ак элечегиң ообосун.
Эриңе адал бол,
Сарамжалдуу, сабырлуу бол, Дайыма жайдары бол,
Кайын журтка кайрымдуу бол.
Алдыңан күн туусун. Артыңан ай туусун.
Өмүр сүргүн бир басып, Алганың менен тең карып.
Терметкениң бешик болсун.
Бакыт, таалай үйүңө толсун. Оомийин!
* * *
Жаккан отуң өчпөсүн,
Ынтымак, бирлик сакталып, Конушуңан көчпөгүн.
Карыбагын, жашаргын. Кадимкидей жашагын. Кызырың кыяласын, Ырысың уяласын.
Кыздарың сулуу чыксын, Кыр-кырынан улуу чыксын. Уулдарың өрт туулсун,
Убайын эли көрүп турсун.
Башыңан бак тайбасын.
Элиңен ынтымак качпасын. Кетпес кеңештүү бол, Кеңири дөөлөттүү бол. Оомийин!
* * *
Кудай жалгасын, кудай жалгасын, Баш алган буудайдай ыргалгыла, Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө.
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө. Кайгыланбай каткырып, Кол кармашып жүргүлө.
Оомийин!
Күйөө каадасы. Күйөө бала келечек кайын журтуна сыпаакерчилигин, адептүүлүгүн, салтты билгендигин көрсөтөт. Ал бабалардын жөрөлгөсү менен улууга урмат, кичүүгө ызат кылат. Ал күйөөлөп келгенде кайын ата, кайын эненин мамысына ат байлабайт. Айылга жакындаганда аттан түшүп келип, кайын ата, кайын эненин алдында ызат менен башын иет. Жалпы кайын журтка мамилеси да сылык, адептүү, сыпайы болот. Бул күйөө каадасы аталган. Күйөө, күйөө жолдошу менен аларга атайы тигилген ак өргөөгө түшкөн.
Кызды күйөөгө аткаруу. Кызды күйөөгө аткарууда той үлпөтү 30 күнгө чейин созулган. Кыз-күйөө атайы өргөөдө болушат. Илгерки учурда кыз оюнду 30 күн ойнотуу, 40 күн кыз узатуу шарты деп коюшкан. Бул күндөрү жалаң гана оюн-күлкү гана эмес, кыздын жөндөмдүүлүгү, анын турмушка даярдыгы, оокат-тиричиликти тейлөөсү сыналган жана кыз жашоо турмуштук тажрыйбаны, каада-салтты үйрөнгөн.
Кыз оюну өтүп жаткан күндө кыз-күйөө бири-бирин жактыруу күндөрүн, төшөк талашуу, аркан тартмай, сүйүнчү сыяктуу тамашалуу ырым-жырымдарын баштан өткөрүшөт.
Той оюнунда колукту менен күйөө кыз-жигит куумайына катышып, элдин короосунан өтүп, жыйылгандарды кубантып, бата алышат.
Кызды узатарда жалаң гана «өргөөнү» бербестен, жууркан-төшөк, алтыкат шырдак баштап, керек болгон боз үйдүн сарамжалын толук берет.
Кыз аттанарда кара далы чачын жандырып, эки өрүм кылат да, учуна чолпу тагат.
Шөкүлө. Муну кыз төркүнүнөн кийип чыгат. Барган жеринен колукту төркүнүнө кайра узатат. Кийинки сиңдилери кийүү салтын улантат. Шөкүлөнүн жердиги ар кандай. Жаш келиндерге өтө жарашат.
Кыз башын кучактаар. Актоо кыргыз элинде байыртан тартып эле той болгон күнү кызды атказарга жакын кыздын жеңелери көшөгөнүн ичинде кыздын башын кучактап ырдайт. Бир эркек киши атчан туруп өлөң айтып, көшөгөнүн ичинде, үстүнө момпосуй, жер-жемиштерди чачат (илгери жетишкен байлар теңге, пулдарды чаччу экен). Жаш улан кыз, калың эл чачыланы талашып теришет.
Чал жыгар (Айгыр жыгар). Кудалар кыздын атасынын үйүндө жатканда абышкалар келип: «Чал жыгарымды» бер – деп сурашат. Аларга күйөө атасы бир ат берет, бербесе өздөрү жыгып алышат.
Укурук байтал. Түндүк көтөрүү болуп жатканда: «Укурук байталды бер» – деп жылкычылар келгенде, күйөө атасы жактан аларга да бир жылкы берилет.
Орок кой. «Орок коюбузду бер» – деп дыйкандар келишет. Аларга да күйөө атасы тараптан эки-үч кой ыйгарылат.
Өргөө жабар. Кыздын үйүн тигерде: «Өргөө жабарыбызды бер» – деп зайыптар келишет, аларга да мал берилет.
Эненин кызга насааты (кошогу). Өмүрлүк жолдошуңдун тапкан-ташынганын сүйүнүп, жайылып, ыраазы боло кабыл ал.
Күйөөңдүн айткан насаатын, кеңешин дилгирлик менен ынтаа коюп, кулак төшөп ук жана ага ишен, моюн сунгун, кежирленбе.
Жолдошуңду эч качан капа кылба, каш-кабагынан бил, чыда, жиниңди ичиңе кат, ымала кура бил.
Үйүңдү, оокатыңды таза, этият сакта, өзүң таза жүр.
Күйөөңө ак көңүл, назик, ачык, сырдаш, чынчыл бол. Амалданба.
Күйөөңдү күтө бил: ач калтырба, жаман сөз айтпа, тиртеңдебе, кабагыңды түйбө.
Кайын-журтуңду сыйла, сылык, ишенүү менен ыймандуу, жакшы мамиледе бол. Кайын энеңди өз энеңдей көр, сыйла, тил табыш, батасын ал.
Жолдошуңду бирөөлөргө жамандаба, сырын башкага айтпа.
Жолдошуңдун буйругун эки дебей, куп деп илбериңки аткар. Кайгы-капасына шериктеш бол.
Ушуларды көкүрөгүңө түйүп, дайыма унутпасаң, эстүү болсоң, күйөөңдү жана анын жакындарын сыйлап, бата алсаң, анда сен ынтымактуу, ырыстуу, ырахатка батып, бактылуу жашайсың.
Эненин кошогунан: «Башайы курак курармын, Баргандардан сурармын,
Баргандар жакшы деп келсе, Белек берип турармын. Баргандар жаман деп келсе, Сууткан аттай буралдым».
Бул – кыз узатууда, ыр менен үн чыгара айтыла турган салт. Кыз узатуудагы кошокто энелери, жеңелери, эжелери кыз бара турган жериндеги жүрүм-туруму, «Таш түшкөн жеринде оор» дегендей, ошол үй-бүлөнүн тартипжөрөлгөсүнө моюн сунуу керектиги, анын эли-жери башкалыгы, мунун мыйзамченемдүү көрүнүш экендиги жөнүндө баяндаган. Анда адеби, ыйманы айрыкча айтылган.
Эжеси:
«Кызыл чапан жең учу,
Кыяны шамал кагуучу.
Жакшы атанын баласы, Кылыгы менен жагуучу.
Кара чапан жең учу,
Капталды шамал кагуучу, Жакшы атанын баласы
Кадыры менен жагуучу».
Жеңеси: «Түндүк бою от жакса, Түтүн кылбай өчүрчү.
Жаман-жакшы кеп айтса,
Күлкүң менен кечирчи,– дейт.
Кыз бергендеги кошокту кызды аткарар алдында муңкана, экинчи ал кайра кайрылбастай, «өлүк» катарында кадимкидей жаш алып, кошо турган. Кошуп жаткан шартта куда-сөөктөрдүн ал-абалдары кошо даңазаланган. Анда да бий-бийге, кедей-кедейге жиктелип, мансап, байлыгы, бирок «кедейлик кемтик эместиги», ар биринин туштук турмушу да сүрөттөлө кеткен.
«Алтын ооздук жез така, Өз атаңдын жоргосу. Алтын ооз дарбаза,
Кайын атанын ордосу».
Демек, мында байдын кызы байга кеткени айтылды. «Күндүн көзү миң буурчак, Күмүштөн чачпак бир кучак. Ал чачпакты салууга, Кайнатаңдын малы чак.
Айдын көзү миң буурчак
Алтындан чачпак бир кучак,
Ал чачпакты салууга
Өз атаңдын малы чак».
Мында, албетте, катардагы жупуну турмуш баяндалды.
Жоолук салуу. Бул – ургаачылардын сыймыктануучу баш кийими». Ак жоолук башыңдан кетпесин» – келин босогону аттаары менен кайын энесинин алкоосу. Жоолук – ургаачылардын символикалык көрүнүшү. Актыктын, тазалыктын белгиси.
Энчилөө. Келинди кайнатасыныкына алып келгенде тойдо алып келген этти келин менен чогулуп жешет. Анан кайын энеси: «Балам, казандын бир кулагын, туткучтун боосун, эки сузгунун бирин, бир аяк жана ит аяктын боосун бердим» – дейт келинге. Кайын атасы: «Баландай төөнүн туула турган тайлагын, байтал бээнин кулунун, чебичтин тууй турган улагын, токтум тууйт козусун берейин»– дейт.
Келин тою. Бүлө алган тарап да кошуна-колоңдон, айылдыктардан, элден бата алмакка кыз тоюнун уландысын жасашат. Үйлөнүү тою бир нече күнгө да созула берет. Той өткөнчө келин кайын сиңдилери менен көшөгөдө отурат. Келин көрүү, көрүндүк берүү, жар-жар айтышуу, ыр башталат.
Келин алган күнкү тилек. Ыя, Жараткан, Өмүр берсең жайлуу кылып бергин, Дөөлөт берсең сыйлуу кылып бергин. Уул берсең от болсун, Кыз берсең чок болсун. Келин берсең келиштүү болсун, Келечеги өрүштүү болсун.
Аял берсең адептүү болсун.
Алыс-жакындын көөнү толсун.
Куда берсең жолдошуңдай болсун,
Кудагый берсең сырдашыңдай болсун. Ата-баба жолунан ким ашсын, Кудалык сый миң жылга улашсын. Эки жаштын бактысын бер, Эки жак тең кызыгын көрүшсүн. Оомийин!
Келин алган тойго бата.
Келген келин кут болсун, Алтындан казан көмөрсүн. Эмики ушу убакта, Айдай бешик өңөрсүн. Айдай бешик ичинде, Эгиз балдар бөлөнсүн. Ынтылып алган келини, Ынтымактуу жашасын.
Тандап алган келини, Таттуу гана жашасын.
Сыйыры каймактуу болсун,
Келини салмактуу болсун,
Сыйыры коңур болсун, Келини оор болсун, Сүргөнү доор болсун.
Казаны чызы-пызы болсун,
Кайын журту менен сизи-бизи болсун.
Суу кайнаган казанга,
Май кайнасын,
Төрт периште төрүндө тайраңдасын.
Кудай берген уул, кызың май чайнасын, Заманыңар тынч болсун,
Тынчтык жакшы күн болсун.
Урушту кулак укпасын! Оомийин!
Айыл жеринде нике кыюуну шариаттын жолу менен молдо жүргүзөт. Ал күбөлөр аркылуу күйө-келиндин баш кошуу ыкласын: «Туттуңбу?» – деп сурамжылап, макулдугун алган соң насаат сөздөр жолдоп, дубаланган сууну аларга ууртатат. Күбөлүккө жүргөндөр да, отургандар да дубаланган суунун шыбагасын кыдырата ооз тийишет.
Бүгүнкү күндүн шартына ылайык шаардыктардын үйлөнүү тою кафелерде, ресторанда өткөрүлүп, той башында мекеме өкүлдөрү нике кыюу кагазын катташып, аларга тапшырышууда.
Өкүл ата. Жаштар никелешкен күнү келиндин кайын журту жакындарынын өкүл ата, өкүл эне шайлап алышат. Өкүл ата келинди өз кызындай көрүп, отко кийирет, төркүлөтөт. Жакшылыктарга чакырып турушат. Сепке келген адеми буюмдардын бирөө өкүл атага берилет.
Эки этегин бастыруу. Келиндин төркүндөрүнөн адамдар келип, кайра узатуу учурунда кызын кошо узатканы эшикке чыгарышпайт. Эки этегин таш менен бастырып, отургузуп коёт. Анткени келин ушундан чыкпай, кирген эшигинен орун алып, алдын бала, артын мал бассын, жабылуу кара инген болсун деген ой тилек жатат.
Келин көрүү. Адетте кыз узатуу күүгүм-талашта өтөт. Келинди күйөөнүн айылына алып келишкенде нускалуу ак байбичелер тосуп, үйгө киргизгенде келинди үйдөгүлөр жүгүнтөт. Нан, боорсок, курут, татымалдан чачыла чачылап, жакшылыктын белгиси деп чачылгандарды балдар, келин-кесек, кыздар терип алышат. Келинге май ооз тийгизет. Алкоо, баталар айтылат. Ак жоолукту кайын эне салат, кайын сиңдилери менен келин көшөгөдө той өткөнчө олтурат.
Келин келген жерде той башталып, кыз шөкүлөсү төркүнүнө кайтарылат. Кыргыздар келинди келгенде көр дешип, кошуна-колоң, айылдаштар, тууган-туушкандар келиндүү үйдүн ээси, күйөөнү куттукташат, келинге колунда барын, сөйкө, шакек, билерик салып ыроолошот.
Куш боо бек болсун. Үйлөнгөн жигитти айылдагылар, теңтуштары, туугандар, жакшы санаалаштар жаңы колукту алып келген жигитти: «Куш боо бек болсун» – деп куттукташат. Үйгө келген келинди кушка салыштырып, аны ардактап, багып күтүп ал деген жакшы тилекти айтышкан.
Жүгүнүү. Жаңы келген келин кайын журтту, кайын ата, кайын эне, кайын эже, кайын агаларды жана башка азаат-ыйбаа кылып, атам замандан келаткан салтты сактап, улууларга жүгүнөт. Салам айтуунун эң бир илбериңки мамилеси. Колукту кайын журтунун босогосун аттары менен эшик-төрдү көрүүсү, ага таазим этүүсү. Улуулар жүгүнгөн келинге бата берип алкашат.
Ат тергөө. Ат тергөө – улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо. Илгертен эле эркектер баштап улууларды аке, ава, байке, ата, тууган эле жыты болсо таяке, таята, тажезде, ургаачыларды апа, таэже, чоң эне, таэне, айтор, ызааттоонун, урматтоонун чеги болбогон. Төтөн, башка баш кошулууда, келин жаңы келгенде ыймандуулугу, адептүүлүгү, сылыктыгы артылып турат. Андай кайын эне, кайын эже, кайын жеңе, уулдар жана башка, келинге багыт берүүчү. Өзүлөрүнө жакшы бүлө кылуунун жагдайын көрүүчү.
Жаңы келген келин үйүндөгү күйөөсүнүн ата-энесинин, жакындарынын атын айтпайт. Кайнатасын ата, кайын энесин эне дейт. Кайнисин кичине бала, кайнагасын аке дейт. Эгерде дагы кайын сиңдилери болсо, ортончу бала деп тергеген. Кээ бир жагдайда келин жакындарынын жашына, кесибине, мүнөзүнө жараша ат тергеген: уста аке, жылкычы аке, эсепчи уул, молдо бала, тарыхчы аке, шаардык эже, шырдакчы апа ж.б.
Отко киргизүү. Келген келинди айылдыктар, туугантуушкан, жакшы санаалаштар отко киргизет. Отко киргизгенче келин ал үйгө баш бакпайт. Отко кирген келин балага мал энчилеп, идиш-аяк берип, кийим кийгизет. Отко кирүү учурунда келинге: «Кудай тилегиңди берсин! Артыңды бала бассын, астыңды мал бассын!» – деп бата беришет.
Келиндин төркүнү да күйөө бала эшик-төрдү көрсүн деп, аны атайы отко киргизүүгө чакырат. Күйөө бала, колуктусу, күйөө жолдошу менен кошо барышат. Сый көрүшөт. Кийит кийишет. Оюн-шоок болот.
Жаңы келген келиндин ырым-жырымы. Келин төшөк салып жатканда кайната-кайын энесинин төшөгүн тебелесе бактысыз болуп калат. Төшөк салганда анын бүктөлүү жагын кыбылага караткан.
Жаш келиндин бут кийимин төрөбөс аял аттап кетсе, анда келин төрөбөй калышы ыктымал.
Жүктүү келин капка отурбайт, отурса баласы тескери келип калат. Тескери толгоодон коркуп, келиндер баканды аттаган эмес.
Шыпыргыны тике койбойт.
Келинге малдаш урунуп отурууга уруксат эмес.
Аттын ээрине отурууга тыюу салынган.
Кош кат келин арканды, шыпыргыны, ала жипти аттабаган, ийик ийирбеген.
Баласы таз болуп калбас үчүн шыпыргыны отко жакпайт. Очоктогу күлдү түбүнө чейин кырып албаган. Боюнда бар келинге чачын кыркууга тыюу салынган. Жүктүү келин өлүм болгон жерге барбаган, барса да жаназа окулганга чейин отурбай кетип калган.
Келин бышырып жаткан тамагынын тузун чөмүч менен татып көрбөгөн, анда баласынын мурду чөмүчтөй болуп калат деген. Кош бойлуу келин уул-кызы сулуу болсун деп, жуурган камырынын бетин сылап, тегиздеген.
Кош бойлуу келинге төөнүн этин жедирбеген, жесе боюндагы баласын төөгө окшоп он эки ай көтөрөт дешкен. Мөөнөтүндө төрөбөгөн келинди төөнүн алдынан өткөрүшкөн.
Кош бойлууга коёндун этин да жедирбеген, аны жесе төрөлчү баланын оозу коёндукундай жырык болуп калат дешкен.
Өз мөөнөтүндө төрөбөй, айынан ашып кетсе, кош кат келин чийки жумуртканы тегирмендин ноосуна тоголотуп жиберип, кылчайбай үйүнө кеткен. Же болбосо келинге мечитти кулачтатышкан.
Жаңы келиндин аягы оор болуш үчүн үч-төрт күн коломтодон күл чыгартпайт.
Куда-сөөк каадасы. Күйөө менен келиндин туугандары бири-бирине куда-сөөк болушкандан кийин сыйлашып, ич ара кадыр-барк күтүшөт. Эки жаш баш кошкондон соң куда-сөөктүн шаан-шөкөтү башталат. Алардын бир-бирине каттоосу «ат укмай» деп аталган.
Куда-сөөктүн эң абройлуу каттоосу – келин алган тараптын калың алып келүүсү болуп эсептелет.
«Баш ат». Нарктуу куда «баш атынын» жалына ак кебез байлап, жылкы баштап жетелеп, мал айдап келген.
Мурда кыздын калыңына баш ат алып баруу чоң сөөлөт, барк болгон. Баш ат деп калыңга арналган Камбар атанын тукумун аташкан. Салт боюнча баш атты адеп куданын мамысына биринчи байлашкан.
Келген кудаларга арналган дасторкон жайылып, жай баракат ичкен соң, кудалар келиндин ата-энесине, туугандарына калың алып келгендерин өткөрүп берет. Калың алып келгенде кыргыздын эзелтен берки жылкычылык, жеңкетай доолашуу тамашалуу салты жасалат.
Кудаларды сыйлоочу дасторконго айыл аксакалдары, кадырлуу катташкан-чалышкан адамдар, куда-сөөктөр чакырылат. Сөз билгендер, санжырачылар, эл шайырлары катышат. Куда тосуу, куда күтүү бир эле үй-бүлөнүн тою, ырахаты эмес, айылдыктардын да тою, таң-тамашасы болуп калат. Эртеси дагы шаан-шөкөттөн кийин кудалардын сапары карыйт. Аларга кийит кийгизилет. Колунда барлар мал ыроолоп, буюмдарды тартуулаган.
Түтүн улатуу. Үйлөнүп жайланып, бала-бакыра күтүп калган уулду эне-ата өзүнчө оокат кылсын деп үй бөлөт. Ата-эне уулдарын улам улуулата үйлөнтөт да, атайы үй көтөрүп, там салып, эн салып мал бөлүп, бала энчисин өз колуна карматат. Өздөрү балдарынын эң кичүүсүнүн колунда калышат.
Чара көтөрүп келүү. Күйөө баланын атасы кыздын ата-энесине калыңды тактап, толук бериш үчүн кайрадан барган сапарды чара көтөрүп келүү дейт.
Сеп. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюм-кечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз, шалча, ала кийиз, килем, сөйкө, желбирөөч, күбөк, чолпу, чачпак, кеп такыя, билерик, шакек, оймок, бой тумар, төөнөгүч сыяктуу өздүк буюмдары, ат жабдыктары, жууркан-төшөктөрү, кийим-кечектери жана башкалар кирет. Атайын көтөрүлүп берилген ак өргөө кыз себинин ата башын түзгөн. Кызы тестиер чагынан тартып эне менен эженин, же айылдаш чеберлердин нускоолору аркасында узчулуктун учугун саптап, узданууга максаттанган. Ошентип, өзүнө таандык себин өзү баса отуруп, аруу колдон даярдап чыккан.
Ал кыздын асем жасалгаларына, ат жабдыктарына усталар узанышкан. Ага атайын үй көтөрүп, көмүрүн өчүрүүгө, көрүгүн басууга, күжүсүн күйгүзүүгө адам шайланган. Устанын узануу акысы күн мурунтан бычылган. Өрмөк согууда, килем токууда, шырдак шырууда, кийиз уютууда, чий чырмоодо, кийим-кечектерин бычып-тигүүдө биргелешип узануунун салттары болгон. Үй ээси аларды мыкты күтүнүп алган. Кыз бала он-он төрт жаштардан баштап эле ал өзү өрмөк согуунун, килем токуунун, сайма саюунун, курак куроонун, шырдак шыруунун, түймө түйүүнүн, чий чырмактоонун түйшүктөрүнө адистешкен. Мындай аракеттер менен сеп даяр болуп, узчулуктун мектебин көрсөткөн.
Аркан тосуу. Кыз себин алып кудага баргандагы ырым. Кудалар кан кудасынын эшигине жакындаганда атайын кыл арканды келин-кесек, бала-бакыра туура тосот. Бул тамаша иретинде жасалган, кудалардын доолашуу салты. Куда башы жөрөлгөсүн, жол жосунун жасайт.
Жүк көрүү. Алып келген кыздын себин өз жеңелеринин бирөө жыйдырат. Жүк жыйган жеңеге ырым-жырым беришет. Кудагыйлар сеп көрүү аземин өткөрүшөт. Кудалар жолдук ташташат.
Төркүлөө. Келин келген жеринде байыр алып, кайын журтту таанып, кайнене менен бычышып, тил табышып, кадыресе түтүн булатып алган соң, ата-энесине, ага туугандарына, төркүлөп барууну ойлоно баштайт. Кой союп, чыпчыргасын коротпой бышырып, боорсок, кымыз, бозо, татымдарын камдап, кийит алып, кайын эне же абысын, күйөө менен төркүнүнө келип түшөт. Кыз төркүлөөсү бир нече күнгө созулуп кетет. Төркүлөгөн кызды ага-туугандары чакырып сыйлашат.
Күйөө баштык. Үйлөнүү үлпөтүнө байланышкан эки куданын бири-бирине барышканда атайы даярдаган адеми баштык. Кыздын себин алып барууда «күйөө баштык», кыздын төркүнүнө барганда «жеңе баштык» болуп келет. Мында кыз-күйөөгө таандык буюм-тайымдары, белек-бечкектери, тамак-ашы жана башкалар салынат.
Энчилөө, энчи берүү. Бул уул үйлөнүп, өзүнчө түндүк көтөрүп, түтүн булоодо ата-эненин, ага-туугандын бөлүп берген мал-мүлкү. Балдарга камдалуу төө, музоолуу уй, кулундуу бээ, он-он беш козулуу кой, улактуу эчки, мингич ат өңдүүлөр берилип келген. Азыркы учурда колунда барлар, үй, дүр-дүйнө, машина менен кошо берүүчүлөр чыкты.
Энчилөө – үйлөнгөн жаштар өз алдынча турмуштук чабыт алып тирденип кетүүгө карата көрүлгөн чоң өбөлгө.
Журт күйөө. Чоочун журтка келип, аял алып, балачакалуу болуп, алышып-беришип, байырлап калган адамды айтат. Кайын журтка, жалпы элге кадыр-барк күтүп, жыты сиңишип, журтка аралашып, каада-салтты алып, сөздөрүнөн чыкпай калганы журт күйөө аталып кеткен.
Күч күйөө. Жокчулуктун азабыбы, же жетимчиликпи, же башка жактан ооп келгенби, айтор, калыңы жок үйлөнгөндөр болот. Турмуштун шартына жараша күйөө кайын жакта жашап калат. Андай күйөөлөрдү байыркылар «күчүк күйөө» дешкен. Күч күйөө кайын журтунда көбүнчө көп баркка алынбайт.
Жесирге нике кыюу. Кыргыздар жесирин кайдыгер жерге калтырбаган. Төрөп түшүп турган зайыпты ата-баба, ага-туугандар ардактаган. Андай зайыптарды башын ачып энчисин берип, төркүн-төстөрүнө аткарып жибербестен жакын туугандарынын бирөөсүнө баш байлаган. Ал калың төлөп алган үйдүн түбөлүктүү мүчөсү болуп саналган. Непадан зайыпты алуучу тийиштүү адам табылбаса, үйдөгү эле буюмдарга, же балакатына жете элек кайиндерына деле нике жаңырткан.
Жеңе милдети. Күйөөгө тийген келинди кайын сиңдилери, кайнилери жеңе деп чакырышат. Орун-очок алып, сый-кадырга ээ болуп калган жеңе кайын эненин орун басары сыяктуу болот. Эстүүлөрү эл-журт менен быгышат. Энелери, аталары өлгөндөрдүн балдарын өз боюна имерет. Жамандык-жакшылыктарын өз мойнуна көтөрөт. Апа ордуна «апа» айтып калышат. Апага эмне сый-урмат жасалса, ошонун баарына ал татыйт. Кадимки набаттуу, куттуу байбиче катары сый үстүндө отурат.
Батасын алуу. Бул – эл ичинде кадыр-барктуу, отуруптурганы нарктуу, айткандары эм, улуу-кичүүлөргө дем, урмат-сыйы бирдей, жекече касиет жылоологон карыя байбичелерге атайын жолдук менен баруу. Алардын батасын кабыл алуусу балалуу болууда (уулдуу болууда), алыс сапарга аттанууда, сапардан аман-эсен кайтууда ойлогон оюна, тилеген максатына ийгиликтүү жетүүсү.
Деле улууларды кыргыздар укмуштай кастарлаган. Чүйлүү тамактар менен даам сыздыруучу. Мында үйүнө чакырып урматтоочу. Мал союп, төрдөн орун берип, кийит кийгизүү аракеттери да жүзөгө ашкан. Андай бата ыраазычылыкта даам таткандан ж.б. жол-жоболорун алдын-ала кылгандан кийин берилет.
Бата тилеген келин-кесектер абалы жүгүнүп, уулжигиттер улууларга баш ийип, таазим кылышкан. Бата аларда турушуп, эки колдорун бооруна алышкан. Мисалы, келин-кесектерге: «Оомийин, артыңды мал, алдыңды бала бассын. Алганың менен тең кары. Кудай менин жашымды берсин. Пайгамбар-сабаалар колдосун!» деген мазмундагы баталар берилген.
Артында «Анын батасы тийген», «Тегин кишиден бата албаган», «Батадан жаралган бала»… өңдүү адил сөздөр бара-бара уламышка айланган. Ушундан улам: «Кан Кошойдун, кан Бакайлардын жайган алакандары, алкаган сөздөрү тегин чыккан эмес» – деп айтып келүүдөбүз.
КЫРГЫЗДАРДЫН БООРДОШТУК, ЖЕРГЕ-ЖЭЭК, КУДА-СӨӨКТҮК БАЙЛАНЫШЫ
Кыргыздар илгери бири-бири менен үй-бүлөлүк, жердешчилик, уруктук, уруулук байланышты салттуу жана урматтуу көрүп, жол-жосунун жогорку наркта бекем сакташкан. Аларда ата-бала, келин-кайнене, эже-сиңди, тууг ан-урук, дос-душман, куда-жат, улуу-кичүү мамилеге өтө этият карашкан. Кыргыздардын туугандары, кудасөөк, дос тамыр-тааныш, илик-жиликтери, жакшылыкжамандыкта бири-бирине ак тилек менен жардамдашууга, ынтымакта болууга аракет жасашат.
Ата. Үйдүн ээси, башчысы, үйдүн чамгарагы, туусу, аскар тоосу, пири катары баркталган. Ар үй-бүлө атанын сөзүн эки дебей накылын угушкан, баш ийишкен, мыйзам катары кабыл алышкан. Үй-бүлөдөгү тышкы иштерди, ынтымак, оокат-тиричилик, карым-катнаш, куда-сөөк, тууган ынтымагы, үй-бүлөнүн камы милдети жүктөлгөн. Атанын уул-кыздары ыба кылып ызаатташып, атаке, атакебай, атажан деп урматтап кайрылышкан. Ата жашы өткөн сайын кемпирине-абышка, балдарына ата, келинге кайын ата, неберелерине чоң ата, балдардын досторуна аяш ата, келиндин төркүнүнө куда, кыздын балдарына таята болот. Эл арасында ата карыгында абышка, карыя, чал, аксакал деген атка конот. Узак жашап өтө улгайганда ак ээк абышка, чөгүп калган абышка, көксөө абышка, көкшүн чал, өбөктөгөн кары, эл эскирткен кары, бүк түшүү курагы деп коюшат.
Эне (Апа). Үйдүн куту, балдарды төрөп, багып, тарбиялаган, эрин туу туткан аялзаты, эне – соолбос булак. Үйдөгү ички сарамжалды, тиричиликти, тамак-аш, кийим-кече, эмеректи тейлейт. Атанын жардамчысы, акылчысы болот. Энени уул-кыздары ыйык көрүп, ак сүтүн актоого, кыздары өнөрүн үйрөнүүгө, накылын угууга, урматтоого аракеттенишет. Балдары, келиндери энеке, энекебай, апаке, апакебай деп эркелешет. Улгайган абышкасы кемпиржан деп алпейим чакырат.
Кыргыздар үйдүн куту эсептеген аялзатын байыртан Умай энедей кастарлап, ыйык көрүшкөн. Аял деген араб сөзү кыргыздын сөз дүйнөсүнө Х–ХII кылымдардан баштап кире баштаган. Эзелки бабаларыбыз аялзатын катын деп айтып келишкен. Абышкага байбиче, балдарына эне (апа), келинге кайын эне, неберелерине чоң эне, балдарынын досторуна аяш эне, келиндин төркүнүнө кудагый, кыздын балдары – жээндерге таэне болот.
Ага-ини. Бир үйдүн эркек балдарынын туну, улуусу, кичүүсүнө ага, кичүүсү ини болуп саналат. Уулдар бир тууган кыздардын улуусун эже, кичүүсүн карындаш деп урматташат. Улуунун сөзүн, өтүнүчүн кичүүсү сөзсүз аткарган. Атасынын атасы балдарына чоң ата болот. Апасынын атасы таята, энесин таэне дешет. Кичүүсү улуусун ага же байке деп да айтат, анын аялын жеңе дейт. Агасы кичүүсүнүн аялын келин деп кайрылат. Кичүү ининин колуктусу агасын кайын ага деп ызаттайт.
Эркектин жашы балалыктан өйдө санаганда: кундактагы бала, ымыркай, наристе, тили чыккан бала, бөбөк, бөпө, тестиер бала, эркектана дейт элде. Улам жашы өйдөлөгөн сайын эркекке: жеткинчек, балагатка (эресеге) жеткен бала, эс токтогон бала, улан, эрешен, боз бала, жигитек, боз жигит, бозой, эр азамат, берен, токтолгон курак, эр ортону, кара сакал, жашап калган адам, улгайган курак, аке, чоң аба деп мүнөздөмө бере берет.
Эже-сиңди. Кыздардын улуусу эже, кичүүсү сиңди деп аталат. Кыздар эненин жардамчысы гана болбостон, анын таалим-тарбиясын, жакшы жагын алган, узчулук өнөрүн үйрөнгөн, тиричиликке бышык, эненин оң колу шакирти болушат.
Эже-сиңдинин күйөөлөрү бири-бирине бажа, ата-энеге, ага-тууганга күйөө бала. Эженин күйөөсү кичүүлөргө жезде, сиңдиси жездеге балдыз, кудаларына кудача аталат. Эженин балдары бир-бирине бөлө болушат. Эжесинин балдары сиңдисин таэже дешет. Бөлөлөрдүн ата-апалары бир-бирине тажезде, таэже аталат. Чоң аталары таята болот. Кыздардын балдары таятага небере болот.
Эл ичинде кыздардын жашы боюнча: секелек кыз, тестиер кыз, беш көкүл кыз, кыз бурак, бийкеч, селки, кызалак, бой тарткан кыз, энеси өппөгөн кыз, бойго жеткен кыз, кырк саамай, каркыралуу кыз деп айтылат. Жашына жараша кийим тандалып кийгизилген. Эгерде күйөөгө тийбесе кара далы, кара кыз, зак болгон кыз, таң болгон кыз деп коюшкан. Турмуш, шартка жараша непадан күйөөгө чыкпай төрөп алса, туу бийне, а төрөттөн калса, этегинен жалгабаса куу шыйрак, күйөөсү каза тапса тулкатын, жесир аталган.
Тууган. Кыргыздар илгертен ата-тек жактан уланган туугандык ымалага өзгөчө маани берет. Алар досту табасың, жаңыртасың, а тууганды таба албайсың, жаңырта албайсың дешет. Эл арасында жатындаш, боордош бир аталаш тууган, жакын тууган, кыйыр тууган, өтмө катар тууган, кабырга тууган, жаны ачыр тууган, тең тууган, артык тууган, кыз алышкан тууган, чапандын ички бүчүлүгүндөй тууган, жыты эле тууган деп айтылат. Алар алыс-жакындыгына жараша өз ара карым-катыш, алышбериш курушат. Тууган арасындагы мамиле жөнүндө эл ичинде көптөгөн макал-лакаптар, накыл сөздөр бар.
Келин. Чоочун эле ата-эненин кызы башка үй-бүлөнүн эшигин каада салт менен аттап, башына ак жоолук салынып, күйөөгө баш кошуп, бөлөк үйгө жакшылык алып келген, жаңыча шартта укук алган аялзаттын жаш өкүлү. «Ак этек басты», «көшөгөсү көгөрдү» деген келинге гана тиешелүү алкыш сөздөр. Ыймандуу, оокат-тиричиликке тың келин бара-бара бир үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүп, кайын журтуна кадыр-барктуу, алымдуу ишенимдүү болот. Айрыкча келин кайын эне менен тил табышып, ынтымагы жакшы болуусу абзел.
Келин келген үй-бүлөнүн ысымдарын атынан айтпайт, тергейт. Күйөөнүн атасы келинге кайын ата, энеси кайын эне, улуу агалары – кайнага, эжелери – кайын эже, кичүү кыздары кайын сиңди, инилери – бала, уул деп аталат. Күйөөнүн кичүү инилери, карындаштары келинди жеңе дешет. Жалпы эле кайын тарап келинге кайын-журт деп эсептелет. Келиндин туугандары өзүнө төркүн болот.
Күйөө балага келиндин атасы – кайын ата, энеси – кайын эне, агалары кайнага, эжелери кайын эже, инилери кайни, сиңдилери – балдыз деп аталат.
Турмуштук жана үй-бүлөлүк шартка жараша эл ичинде келин адегенде колукту, келинчек, жубан, зайып деп аталып барып, бара-бара жашка карата жубай, төрөп турган зайып – каз элечек, токтолгон катын, жабылуу кара илген, улгайган аял, эбий, кемпир, чоң эне, ак байбиче деген атка конот.
Абысын. Күйөөнүн туугандарын келиндери, аялдары, байбичелери, токолдору келинге, бири-бирине абысын болушат. Абысындардын ич ара ынтымагын үй-бүлө өтө барктайт. Акылдуу кайын энеге туугандарга жасаган сый мамилеси жаккан абысындын сөзү өтүмдүү. Эл ичинде жамандык-жакшылык, жүрүм-туруму, оокат-тиричиликке жасаган иштери боюнча келинге сын айтылат.
Киндик эне. Наристенин киндигин кескен аялдын аталышы. Ыңаалап, жарык дүйнөгө келген балакат, «жети энем бар» деп жерге түшөт имиш. Киндик эне, өз эне (апа), аял эне, чоң эне, таэне, кайын эне, өкүл эне. Баланын киндигин кесип, кир-когун жууган энеге колунда барлар аянбай белек-бечкек берип, көйнөк кийгизип, чепкен жаап жолдугун жасашкан. Дээринде бир бала өмүр бою киндик энени өз энедей көрүп, ыраазычылык азийнада сыйлап, урматтап өтүү керек. Киндик эненин күйөөсү балага киндик ата; улуу кызы – киндик эже, эркек баласы киндик аба болуп саналат.
Өкүл ата. Үйлөнгөндөргө нике каптылганда эки куда тараптан ылым санашкан адамдардан өкүл ата, өкүл эне шайланат. Өкүл атанын уулу – өкүл ага, кичүүсү – өкүл ини, улуу кызы – өкүл эже, кичүү кызы – өкүл эже, кичүү – өкүл сиңди болот. Күйөөгө келин тарап кайын делет. Күйөөгө тийген келинге балдары туугандарына жээн болуп келет. Апасынын туугандары келиндин байрына улуулай таята, таяке, таэже, тажеңе ж.б. болуп кетет.
Бажа. Эки эркек бир кишинин, же туугандарын, же айылдын кыздарына үйлөнүшсө бир-бирине бажа дешет. Бажанын балдары бир-бирине бөлө болот. Агалары таажезде, эжелерин таэже дешет.
Дос. Бабаларыбыз дос, ынак теңтуш күтүүнү өтө жоопкерчиликте, кылдат сынак менен карашып, чыныгы кыйышпас достору күтө алышкан. Мыктылары акыреттик ысык досторду күтүшкөн. Досчулукта ипыш беришти ыраазычылык, сыякерчилик мамиле курушуп, жоо-жарагын, атын алмашканга чейин барышкан. Эки кыйышпас курдаш бирин бири дос дешсе, балдары эркектерин аяш ата, аялдарын аяш эне (апа) дешкен.
Куда-сөөк. Кыргыздарда кыз алуу, кыз берүү, куда күтүү чоң сөөлөт, барк, сыйлашуу жана чоң сыймык катары бааланган. Куда тосуу, куда узатуу барктуу үлпөт саналган. Куда-сөөк бир-бирине кадыр-көңүл жарашса айтышып карамдуу, ыламасы ысык болушкан. Алардын чоң куда – кан кудасы, куданын атасы, кичине куда, куданын балдары, туугандары деп айтылат. Кудалардын кыздары бири-бирине кудача деп аталат. Бүлө алып, үйүнөн кыз чыгарган адамдар бири-бирине куда-кудагый, ал эми тууган-туушкандары сөөк-тамыр болушат. Ата-бабадан, илгертеден бери сөөк жаңыртып, байланышы үзүлбөсө өтмө катар сөөк аталат. Сөөк деген сөздүн эгиз айтылып калышынын тереңинде сыр жатпайт. Эки тараптан тең непадан бу жарык-жалган дүйнөдөн дүйнө кетсе, маркумдун сөөгүн ак кепиндеп сууга кудасы гана алат. Маркумдун ага-туугандары, жакындары сөөктү кармабайт. Байыркы бабаларыбыз бир сөзгө нечендеген салт-жосунду, маанини кыт куйгандай ширеткенин байкасак болот.
Кабырга тууган. Негизинен кыз алышып, кыз беришкен, бирок алдык-бердилери анча эмес солгун, игич коюнча, колтукка кирип кете албагандар. Булардын жакындыгы бир урукка, андан жакындар бир атанын балдары аталат. Айтсак, ата, чоң ата, баба, буба, жете, жото, жопкон, кубары, куу сөөк, тек деп түпкү аталар айтылат. Мында «Кубарыдан» баштап жети атага жетет да, кыз алышка болот. Буларды кабырга туугандар деп атаса да жарашат.
Өтмө катар тууган. Жээн тарапка турмушка чыккан кыздын туугандары өтмө катар тууган аталышат.
Кайчылаш тууган (кабырга тууган). Төрт-беш ата өткөн, ата-жотодогу туугандардын аталышы.
Артык тууган. Карым-катнашы, алыш-бериши энигердүү жана сыйлуу туугандардын аталышы.
Абысын-ажын. Бир туугандардын, туугандардын аялдары бири-бирине абысын болушат.
Жээн тууралуу кыскача сөз. Бул кыздын баласы. «Жээн эл болбойт, желке тон болбойт» – дейт. Койдун, эчкинин, кийиктин терисинен тон тигүүчү болсо, теринин шилиси буржуюп курушуп, жалаң андан кийим жасоого анча жарабайт дечи. Ошондой эле жээндин да айырмачылыктары бар.
Биринчиден, анын эли-жери, ата-бабалары башка. Ал эртедир-кечтир өз тууган-уруктарын табат;
Экинчиден, кыз баланын санжырасы чечилбейт. Ал – бирөөнүн бүлөсү. Демек, жээндин ата-теги бөлөк болгондуктан таяке-тайындарын санжырасынын ага тиешеси жок;
Үчүнчүдөн, «жээн небере» дейбиз. Бирок жээн чөбүрө, жээн чебере, жээн кибире, шыбыра, тыбыра, жыбыра же болбосо, жээндин атасы, чоң атасы, бабасы, бубасы, жотосу, жутасы деп, жети атасын санжыралап чечмелей албайбыз.
Бөлө тууралуу сөз. Бул – эже-сиңдинин балдары. Алардын да өз ата-теги бар. Ошол боюнча санжыра сүрүлөт. Эже-сиңди бири-бирине таэже, күйөөлөрү тажезде аталат да, тууган-уруктары ич ара куда-сөөк катары каралат. Албетте, бөлөлөр эне тараптан, карын бөлө, бир ата өткөн бөлө аталгандыктан алардын ынтымагы чечет. «Бөлөм, бөлөм үчүн өлөм» – деп коёт.
Кудагый – үйлөнгөн эки жаштын, кыз-күйөөнүн энелери (апалары) бири-бирине кудагый болушат.
Кудача – баш кошкон кыз-күйөөнүн эжелери, сиңдилери жана жакын балдары бири-бирине кудача болушат.
Байланыш – аял аркалуу байланышкан куда, таяке, жээн, өкүл ата өңдүү илик-жиликтер биринин башына иш, кыйынчылык түшсө, өз ирети менен кыйынчылыктарды бөлө тартышкан. Ар кимиси колунда барына жараша кошумчалар кошушуп, жакшы санаалаш, тилектеш болушкан. Илгерки кыргыздардын көпчүлүгү алдын келишинче куда, дос, тамыр-тааныш, куда-сөөк, илик-жилик күтүүгө аракеттенишкен.
АЯЛЗАТКА ЫЗААТ
Умай эне. Кыргыздар Умай эне (Май эне, Бай эне) кудурети күчтүү, аялзаттын, наристенин, үйдүн колдоочусу, мол түшүмдүн жолдоочусу дешкен. Ыйык эне бөбөк төрөлгөн үйдө киндигин кесип, непада ноокастаса айттырбай өзү келип коргоп жүрөт, эмчегин берип аны ыйлатпай, кирпиктерин жөлөп, жашын алаканы менен аарчып, аны ойнотуп турат дешкен байыркылар. Кээде жоокердин колдоочусу, оттун ээси (От эне) катары байыркы СаянАлтайдагы көчмөн уруулардын көбү Умай энеге сыйынышкан, балким, бул ызаат эненин кадыры өскөн доордо пайда болгондур. Кыргыздар Умай энеге биздин доордун VI кылымында эле балбал таштан эстелик койгон: чырайлуу, бакжайган, мээрими ашкан, жылдыздуу, алпейим, элечеги керемет байбиче. Ал эми VII–VIII кылымдардагы рун сымал жазууларда Умай эненин аты эскерилет. Дагы кыргыздар Умай энени төлдүн жана түшүмдүүлүктүн Кудайы дешкен. Түшүм мол болгон жылды: «Умай эненин төшүнөн сүт агып жатат» – деп айтышкан.
Орто кылымдын адепки мезгилинде түрк элдери Теңирге, Жер-Сууга жана Умай энеге табынышкан, каганды Теңирге, канышасын Умай энеге окшоштурушкан. Бул VII–VIII кылымдардагы руникалык тексттерде кездешет.
Умай энени кыргыздар өтө урматтап алпештеген: чебер уз аялдар «Умай» энени учкан куш түрүндө саймага сайышкан.
Байыркылардын башчылары, айрыкча адамдар үйлөрүндө Умай эненин турпатын алтындан, күмүштөн куйдуруп же сүлдөрүн куурчак түрүндө жасатып, бекем, таза жерге сакташкан.
Байыркы бабалар Умай энеге көп алкыш айтышкан. Ошонун бири:
Кырк кыздын ичинде, Кыздан аруу Умай эне. Отуз кыздын ичинде Оттон аруу Умай эне.
Ай Теңири түшкөндө, Айнуру менен бир түшкөн. Күн Теңирден түшкөндө, Күн нуру менен бир түшкөн. Ак баканды байлап түшкөн, Ак түркүктү кармап түшкөн. Көрбөөчүнү көрсөтпөгүн, Үркпөөчүнү үркүтпөгүн.
Кыргыздар сүрү күчтүү жана акылман аялдарды, ханышаны Умай энеге теңешкен. Умай эне жөнүндө ыр менен бата кылышкан. Умай эненин мазары дешип, кээ бир булак башатына сыйынышкан. Алыска жол тарткан балдарына ата-эне: «Умай энеге аманат тапшырдым» – деп көңүлү жайланган. «Менин колум эмес, Умай эненин колу», «Умай эненин дарысы» – деп эмчи-домчу наристелерди эмдешкен.
Кыргыздар эрте жаздагы келгин жылкычы кучкач чымчыгын Умай эненин касиети бар деп, аны келтек, ташбараңга алдырышпайт. Аңыз боюнча эненин курсагындагы ымыркай, бул тирүүлүккө «кыз болуп келем, уул болуп барам» деген тилекти каалайт имиш. Эркек, кыз болуп төрөлүш Умай эненин колунда экен.
Кээ бир түрк элдеринде «Кимде ким Умай энеге жандили менен тайынса, уулду болот» дешкен. Непада наристе ээн үйдө жалгыз калса, энелери: «Умай энеге тапшырдым» – деп баласына кабатыр болгон эмес. Наристенин бетинен жылдыз жанса: «Умай эне тууду» – деп жоруп коюшчу илгеркилер. Эгинден мол түшүм алганда же мал башы көбөйгөндө «Умай эненин төшүнөн сүт акты» дешкен тоолуктар. Кыргыздар апай таш бетинен оюлган тактарды көргөндө Умай эненин жерге түшкөндөгү бутунун изи деп жорушкан. Бүбү бакшылар, эмчи-домчулар минтип учуктап дарылашкан: «Эмчилер өткөн, эми бизге калган. Домчулар өткөн, дому бизге калган. Менин колум эмес, Умай эненин колу. Ооруңду көтөрө албайт, кара жер көтөр. Кайт! Кара жерге кайт!
Умай энеге болгон сый-урматтан улам элибиз эзелтеден аялзатын урматтаган.
Кыргыз аңыздарында Умай эненин образы, баяны жөнүндө бир кыйла көркөм чыгармалар жаралган. Умай эне жөнүндөгү түшүнүк кийинчерээк да түрк элдеринин көпчүлүгүнүн мифологиясында сакталып калган.
Муну эсиңе тут:
Алас, алас Умай эне,
Тарак баштуу Май эне, Убай эле, куш эне.
Өзүң берген наристе, Таттуу эмчек тартып тур. Оң колтукка катып тур, Оң эмчегиң эмизип тур.
Киндик кескениң актай көр, Кирин жууганын сактай көр.
Көзү жаманга көргөзбөй жүр, Көңүлү жаманга тыңшатпай жүр. Түн уйкусун жайкап тур, Төшөнчүсүн камдап тур, Жалынганын угуп тур, Жалбарганын жалгап тур. Аргымагын байлап тур, Жебе, огун камдап тур.
Жаманды жайлатып, Жакшыны баштап тур. Алас, алас!
(Байыркы бабалардын Умай энеге алкоосу)
Аялзаттын мыктылары. Кыргыздардын байыркы санжырасында Энесай доорунда да аялзатынан Муңайбас, Айнуру, Кызалма деген баатыр, акылман аялдары белгилүү.
Өткөн доорлордо Акыл карачач, Жаңыл мырза, Курманжан датка сыяктуу акылман, баатыр аялдар чыккан. Айрыкча эл ичинде таланттуу төкмө аял акындар Аксаткын, Талым кыз, Балкы кыз, Алымкан, Чата кыз, Акыш, Шекер кыз, Наркүлбүбү (Ырыскүл), Акбермет Карагул кызы белгилүү болушкан.
Зайып зат – асыл зат. Бул кутмандуу элибизде эркекургаачыны Жараткан эгиз жаратканы. Ошондон өмүр таралуусу. Ошондон турмуш жаралуусу. Адам ата, Обо эне эң алгачкы аялзаты, адамзаттын түпкү энеси бүткөндөн бери зайыптардын сынга толтуруусу. Кыргыз атада калыс калктын кароосунда асылзат аялдардын төмөндөгүдөй бөтөнчөлүктөрү алмустактан бери бааланып келүүдө:
Жамандык-жакшылыкка тең кароосу, кабак-кашым дебөөсү, эри менен эриш-аркак болуусу;
Өзүнүн күч-аракетин алдын ала ойлонуусу, жары барда, жокто ар-намысын, абийирин сактай билүүсү;
Белгиликтүүлүгү, түгөйү үчүн жан-дилинен кызмат өтөөсү, акылга шериктиги, эч бир кине коюуга болбос тугу;
Жүзү ачык, баскан турганы шайыр-шайдоот, айылы да, төркүндөрү да, кайын-журту да сыймыктануусу;
Чырайлуулугу, нурдуулугу, айкөлдүгү, чыдамкайлуулугу, пакизалуулугу.
Аялдык касиет: Табият ургаачыларга чырайлуулукту, назиктикти ченебей берген. Алар жаратылышында бирөөлөргө өйдө карабай, жамандык самабай, кыйгач кароо, муңайым, жумшак, күмүш шыңгыр тартуулаган. Ошон үчүн кыз кыял, назик, коймаарек деп атоо бир гана кыргыздын кыз-келиндерине таандык.
Кыздарыбыз кырдагы кызыл гүл өңдүүлөр. Таңкы желде бой ыргап турушкандар. Кирдүү кол менен кармагыс асылзаадалар. Тоо нуруна тотуккан бешенесине табият чырайлуулукту, күмүш күлкүнү, назик үндү бериптир.
Керене чачпак кең соору келиндерибизге Кудай Таала келбет берген. Жар күтүүнүн сырларын аруу чечкендер. Шайыр мүнөздөр, шаң-шарапатты жандандыргандар.
Зайыптарыбыз жаратылышынан ажардуу, адептүү, билгиликтүү. Алар эрин пир туткан, ак жаркындуулукту ченебей берген.
Байбичелерге ажардуулук, набаттуулук, айткан накылдары келин-кесектерге, кыз-кыркындарга жугумдуулук бар. Алар үлгүлүү отуруп-туруусу менен нускалаганы артыкча көрүнүүчү.
Зайыптык сапаттар: Айкөл, пакиза, нур чырайлуулар – булар жалпы жонунан чүрөктөр, тактап айтканда сулуулар деп аталат.
Сезимтал, толукчул, тунук, таза, сүйүүсү бар, акылдуу, өз жарынын азап-тозогуна чыдай билгендер.
Жамандыкты-жакшылыкты муюбагандар. Ак ниеттүүлөр.
Жайдары жүз, шайыр, сөз тапкыч, каада-салттуу, нарктуу, жайыл дасторкон, үйүндө куту төгүлгөндөр.
Кыз кыялы. Бул – жекече мүнөздөгү кирдүү кол менен кармагыс назиктик. Каада-салттагы ургаачылардын жүрүш-туруш эрежелери. Жакшы ата-энелердин нускоосу аркылуу калыптанган таалим-тарбиянын натыйжасы. Адатка айланган муундан-муунга өтүүчү касиеттерден.
Анын шарттуу белгилери: отуруп-туруудан, бирөөнү алдыртан уяң, уяттуу кароодон, дасторкон жаюудагы мейман күтүүдөн, сүйлөөдөн, кийим-кечек кийүүдөн, мал саагандан, төшөккө жатуудан, жуунуудан, уктоодон ж.б. биз айтпай кеткен кыймыл-аракеттен баамдалат да, адамдарга аруу, жылуу сезимдерди калтырат. Кыз кыялдууга уландардын, жигиттердин сылык-сыпаалуулугу да кирет. Мындай кирдүү кол менен кармагыс асылзаада көрүнүштөр кыз кыялына салыштырылат. Жайдары, ак жаркын ургаачылар, набаттуу байбичелер, жайыл дасторкон, жакшы эне перзенти – ак көрпө жайыл, жабуулуу кара инген, ак этек баскандар өңдүүлөрдүн түпкү чыгышы ушундай кереметтерге барып такалат.
Нике кайыптын дагы бир бөтөнчөлүктөрү. Адатта, кыргыз жесирин кайдыгер жерге калтырбаган. Төрөп түшүп турган зайып тукумду өстүрүүчү болот. Андайларды ата-баба, ага-туугандар ардактаган. Ал энелердин башын ачып, энчисин берип, төркүн-төстөрүнө аткарып жиберчү эмес.
Андай зайыптарды ошол жакын туугандарынын бирөөсүнө баш байлоо кылуучу. Себеби кадимкидей калың төлөп алган ургаачысы, кантсе да ал үйдүн түбөлүктүү бүлөсү болуп саналган.
Эгер алуучулардын шарты болбосо, ал зайыпты даарат алуучу кумганына, үйдү шыпыруучу шыпыргысына да «нике кыйган». Демек, мында зайып төркүндөрүнө кетүү тууралуу шарт коё албаган.
Балакатка жете элек кайнилерине да нике жаңырткан. Ал чоңойгондо аял кылып алууга тийиш болгон. Антиш үчүн баланы зайып чоңойткон, койнуна алып жаткан, уктап калса төшөгүнө жеткирген. Кыскасы, бул жакшы ургаачыны кетирбей алып калуунун амалы болгон.
Аялдын түрлөрү. «Аял төрт түрдүү болот, анын бири – ниети бузук аял, экинчиси – нысапсыз аял, үчүнчүсү – кесир аял, төртүнчүсү – үйдүн куту. Аял бүткөндүн эң мыктысы ошол».
Аялдарды сыпаттоо. Кыргыздар эзелтен аялзатына өтө кылдат, так баам берип, сын айткан. Алар аялзатына «Ак көрпө жайыл, Баш койкоң, Жайыл дасторкон, Ак жоолук делбир, Жабылуу кара инген, Үтөрөң тентек, Ит ыркырак, Мышык чыркырак» деп аялдарды мүнөзүнө жараша бөлгөн.
Алтын согончок, жез шыргый. Аялзатынын эң мыктысы. Көрк келбетин, шыңга боюн жез шыргыйга теңеп, кадырлап-барктап, ызаат кылышкан. Ак уул, кызыл кыздын энеси алтын согончок деп бааланган. Илгери эл эгеси ордо үйгө башы ача, асемдүү жез бакан койгон. Аны менен ак ордонун түндүгүн көтөргөн. Мунусунда да купуя маани бар. Жез шыргый үйгө көрк берип турган.
Демек, мыкты аял жез шыргыйдай үй көркү, үйүңдүн тиреги дешкени да.
Аркар эмчек, агылгөй тараз. Бала-бакыралуу болсо дагы келишимдүү тараз бою, келин сыны кетпейт. Керилген сымбатынан жазбайт. Ошондон улам мындай ургаачыны кайберендин ыйыгы аркарга теңеген. Алла Таала зайып затына бөлгөн акыл-эске да ашыгыраак эгедер болгондон улам акылгөй атанган. Адеби адам баласына жагат. Элге, тууганга мамилеси дайыма адамгерчиликтүү.
Ак көрпө жайыл. Жүрүм-туруму айыпсыз, ала жипти аттабайт. Баш кошкон эрин абдан кадырлайт.
Күйөөсүн күкүктүн баласындай багат. Өзү оор басырыктуу, келбеттүү келет. Ата салтын, каада, үрп-адатты жакшы билет. Үйүнө кадыр-барктуу коноктор көп келет. Эри дайыма зайыбы менен акылдашып иш кылат. Ошондуктан эринин иши дайыма алга жылат.
Ак жолук делбир. Ашкере чырайлуу. Жарык маңдайы, жаңырган айдай каштары, узун кирпиктүү бото көздөрү, кырдач мурду, ак жуумал жүзү, кызыл эриндери, койкойгон мойну бирине бири төп келет. Өрүлгөн узун чачы, кыргый куш мүчөсү сымбатын арттырып турат. Келбетинен кемитке таппайсың. Дайыма жарашыктуу кийинип жүрөт. Үй оокаты тың, бүйрө.
Жайыл дасторкон. Колу ачык, пейили кенен, бардар. Ушунусу менен элге жагат. Казаны оттон түшпөйт. Дасторкону дайыма жайылуу, аштамагы жайнап турганы турган. Келим-кетими көп. Саймачы, оймочу да. Ушакайыңга кызыкпайт. Абысындары урматташат.
Жабылуу кара инген. Көп сүйлөбөйт, кишиге катуу айтпайт. Арбын убактысын үй-тиричилиги менен алпурушуп өткөрөт. Бала-бакыралуу, карапайым келет. Текебер, кесир дегенди билбейт. Элге да, эрге да бирдей мамиледе болот. Эрдин табылгасына көтөрүлбөйт. Бар болсо мактанбайт, жок болсо чүнчүбөйт. Кенен оокатка да, тартышка да бүйрө. Ийнеси баш болгон бактылууга жолугат.
Баш койкоң. Койкоңдоп эл бийлөөгө катышат. Өңдүүтүстүү келет. Тил табышып сүйлөшө билгенге кыйын. Кыял-жоругу, жүрүм-туруму эркек мүнөздүү. Эрин да, үй-бүлөсүн да теске салып башкарат.
Дүнүкөй тоту. Табылгынын зайыбы. Илгеркилер чүпүрөк зайып да дешкен. Эски-уску, керексиз чүпүрөксапыракты дүнүйө көрөт. Аларды көзү кыйбайт. Ал эми табылгынын зайыбы дегени, эрдин колунан бак-дөөлөт тайыса жүдөп калат. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген. Ошол төө мингендин гана зайыбы. Жөө жүргөнгө – жүк!
Дүр кабак чабдар. Дайыма кабагы бүркөө, урушка жакын. Дитине бирдеме жакпаса итатайы тутулат, кайырын чайыр кылат. Эрдин да, бала-бакыранын да сазайын берет. «Кыялыңа өз атаң, тууган энең гана чыдабаса» – деп айтайын десең, ак уул, кызыл кызды төрөп койгон. Уулкызы чоңоюп, энесин кой дегиче, кайран эри карып калат.
Ай чырайлуу, ача тил. Алла Таала ага чырайды аянбай берген. Бирок кемиткесин тилинен чыгарып, акылын бас кылган. Колунан түзүк иш да, аш да келбейт. Тилинин заары кара чаар жыландын тили калпый кесип, желимдеп алгандай эле бар. Тууган-туушканга, коңшу-колоңго да тили тиет. Бир эрди өмүрүнчө карып кылат.
Эчки сан тыйтак. Түтүндү түрө кыдырган айылчы, узун ушакчы. Эчки сымал эрбен-эрбен, жаны жай албайт. Сырт келбети, даты жагымдуу болбойт, көзүң тойбойт. Эки айылды эриктирбейт, бир айылды бириктирбейт. Этегин үзө басып, түтүн чыккан үйлөрдү аңдыйт.
Суу мурун сөпөк. Аты эле айтып турат, болгону ургаачы эле…. Ушакчылыгы, айылчылыгы жок. Бирок дайыма жүдөмүш. Үй-жайын, казан-аягын ирээттүү, жөндүү билбейт. Өз боюна да жакшы карабайт.
«Үтүрөң тентек» – мындай аял жини кармаганда балдарын сабайт. Көтөрүнүп төркүнүнө кетип калган албуут, долу аял. «Алып бергениң ушулбу?»– деп, көйнөк-кечесин айрып да жиберет.
«Ит ыркырак» – эри менен ынтымагы жок, ыркырап уруша берүүчү, башкаларды да беттен алган чатак аял.
«Мышык чыркырак» – бирдеме эле болсо чыркырап ыйлап, көзүнүн жашын көлдөтүп жиберүүчү аял.
АЯЛЗАТКА АЙТЫЛГАН НУСКОО
Үйгө келген адамга даам ооз тийгиз.
Шыпырынды жерге отурба.
Шыпырындыны чогулткан бойдон таштаба.
Караңгыда үй шыпырба, кийиз күбүбө.
Кишини шыпыргы менен урба, шыпыргыны аттаба.
Караңгыда чачыңды тараба, күзгүгө каранба.
Идиш сынса кайгырба.
Күүгүмдө бала көрбө.
Жаагыңды таянба, ыксыз үшкүрүнбө – капачылыкты чакырасың.
Миздүүнүн мизин каратып койбо, кан тилейт.
Күл менен кирдин суусун кошуп төкпө.
Түндөсү суунун оозун ачып койбо.
Үйдү төргө карай шыпырба, душманың көбөйөт.
Караңгыда баланы эшикке алып чыкпа.
Караңгыда оорулууну көрбө.
Кур бешикти терметпе.
Жаш баланын бетин айга көрсөтпө.
Үбөлүктү, шыпыргыны тигинен койбо.
Нанды тегеретип сындырбай тең бөлүп сындыр.
Эшик түбүнөн жүгүнбө.
Дасторконду салаарда бүктөбө, тетири салба.
Чыныны чертпе, куру казанды калдыратпа, үйдөн береке качат.
Бала киринткен сууну караңгыда сыртка төкпө.
Отко түкүрбө, суу чачып өчүрбө.
Идиш-аякты теппе.
Тырмагыңды отко салба.
Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.
Бешикке өбөктөбө. Бешикти эки кишилеп көтөрбө.
Сакалдуу адамдын артынан өт.
Баланын таманынан өппө.
Түнкүсүн идишти жуубай калтырба.
Түпкүчтү тээп жылдырба.
Жаздыкты тескери койбо.
Супараны улагага илбе.
Кайчыны эшиктин үстүнө илбе.
Адам өлгөн күнү башыңды жууба, кир жууба.
Кепиниңди кий деп эч ким менен урушпа.
Кишиге аркаңды салба.
Таң менен таза жуун, күндү таптаза тосуп ал.
Үйдү чыгышты каратып тик, күн чыкканда үйгө кут кирсин.
Отту, очокту сыйла.
Очокту аттаба.
Отту бутуң менен ичкерилетпе.
Ата затын көр, эне затын бил.
Керилгенге керилбе, керексиз сөзгө семирбе.
Коломтону аттаба.
Түн киргенде чок алба. От бербе.
Ырыскы татарда дайыма колуңду чайка.
Тамакты дасторконсуз тартпа.
Чөмүч менен итке тамак куйба.
Нанды сындырганда бетин өйдө каратып кой.
Тамакка сын такпа.
Аш куюлган аякты, чайды оң колуң менен узат.
Нанды көмкөрөсүнөн койбо.
Эт бышканда сорпону байбиче, этти үй ээси ооз тиет.
Чыныны чертпе, казан-аякты калдыратпа.
Сабадагы кымыздан ооз тийбей башкага бербе.
Акыл менен карыгандан акыл үйрөн.
Бар туруп жок дебе.
Аш куйчу аякты аттаба.
Башсызга бата бербе.
Супараны тебелебе, улагага илбе.
Алыс сапардан кайткан кишинин башынан үч жолу суу тегеретип, түкүртүп, идишин эшикке көмкөрүп кой.
Суу куюлган идишти түнкүсүн ачык койбо.
Күлгө шыпырынды салба, шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба.
Балаңдын ыйманын жашынан тиле.
Конокторду сыйлоо байбиче аркылуу болот.
Шыпыргы менен чаппа.
Жаш баланы күзгүгө көрсөтпө.
Келин келгенде, босогону аттаганда: «Алдыңды бала, артыңды мал бассын» – деп төбөсүнөн ылдый дан куй.
Келинди отко кийиргенде май жедир.
Жаш баланы мактаба, күзгүгө көрсөтпө, салмагын ченебе, татынакай деп суктанба.
Балага жаңы кийим кийгизгенде бетинен өөп кой.
Бешикти тээп жатпа, баспа.
Бешикти экөөлөп көтөрбө.
Уктап аткан бала үйдө жалгыз калса башына нан же бычак коюп кой.
Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка жайба, калтырба.
Наристенин бетине ай тийгизбе.
Баланы жуундурган сууну караңгыда сыртка төкпө.
Эгерде таманга, колтукка без чочуса төрөгөн аялга ачкарын үч жолу эмдетип кой.
Нан менен бычак аарчыба.
Боюңда болсо, капка отурба. Кан койнунда калтырап жатканча, Кул койнунда кутуруп жат.
Аял мандаш токунуп отурбайт.
Аял эркектин үстүнөн, кийиминен аттабайт, тепсебейт.
Очоктон нан түшө берсе ысырыктап кой.
Арткан ашты иттен аяба.
Беймаал убакта оорулууну сурап барбайт, бала көрбөйт.
Түндөсү түш жоруба.
Үйдүн эпчи жагына отурарыңды унутпа.
Аял киши конок отурган үйдөн чыкканда босогодон артын салбай, арты менен чыгат.
Эсиң барда этегиңди жап.
Жаш баланын салмагын айтып, татынакай дебе.
Жиликтин чучугун жаш балага бербе, кайрымсыз болуп калат.
Жаш баланын жашын жылдырып айт.
Аял айгыр минбейт.
Келин кайын ата, кайын энесин, күйөөсүнүн бир туугандарынын, эже-карындаштарынын атын тергейт.
Улуулардын алдынан кесип өтпөй, айланып өт.
Эрди албай, элди ал.
Сөз келгенде кайнатаңдан да тартынба.
Ургаачынын тили – устаранын мизи.
Аял жакшы – эр жакшы, обозгер жакшы – кан жакшы.
Жакшыны жаанда көр, сулууну карыганда көр. Жакшы аял – үй эгеси, жаман аял – жол эгеси.
Бал аарыдан, мээрим аялдан.
Эркек – сел, аял – көл.
Ажаан катын – үйдөгү өрт.
Жаман аялдын тили узун, жакшы аялдын колу узун.
Эрди-катын бир үйдүн күнү менен айы.
Үйдү кырк эркек толтурбайт, бир катын толтурат.
Катыны жамандын казаны сынык, эркеги жамандын бычагы ийри.
Төркүндүн төрүндө болгончо, уулдун улагасында бол. Аял – үйдүн куту.
Аюу да болсо эриң болсун, үңкүр да болсо үйүң болсун.
Жесирдин көргөн күнүнө көз артпа.
Күйгөн катын – кошокчу.
Жакшы аял – үйдүн куту, жаман аял – үйдүн жуту.
Жакшы катын жаман эрди эр кылат, жаман катын жакшы эрди кор кылат.
Эне – мазар, эненин тилин албаган – азар.
Акылдуу аял эрине абийир кошот, акылсыз аял эринин быкыйын чукуйт.
Келиндүү болсоң кекээр сүйлөбө.
Кызың жакшы болсо – кызыгын көрөсүң, жаман болсо – сызыгын көрөсүң.
Кыялы бузукка кыз бербе.
Зайыбы жакшынын айыбы билинбейт.
Эне көркү эстүүлүк.
Энеде кээр болбосун, мээр болсун.
Аял ажарын назиктик ачат.
Тикенек болуп бутка киргенче, гүл болуп жакага кадал.
Кымкапты кендир менен тикпе.
Отту май менен өчүрбө.
Айды этек менен калкалаба.
Айран сурасаң, челегиңди жашырба.
Кыз да балаң, уул да балаң; уулуң кең талааң, кызың – саяң.
Ирбитиң келсе ири иш кыл, идишиңди күмүш кыл.
Абысының болсо, күндөшүм жок дебе.
Ажарлуу аял – адамдын периштеси, акылдуу аял – эркектин шериктеши экенин эсиңден чыгарба.
Береке ургаачынын пейилинде.
Бышык болом деп жек-жаатыңдан кол үзбө.
Дүйнөгө жаралгандын баары асыл, асылдардын эң асылы – аялзаты.
Дүйнөнү кармап турган – эне.
Ургаачынын мыктысы – отко жакса күл болбос, олжого кетсе күң болбос.
Атлас кийсең – бөзүңдү унутпа.
Түн ичинде баланы атынан чакырба.
Айга ак (сүт, айран) көргөзбө.
Боюңда бар болсо капка олтурба.
Үйгө кирген жыланга ак чач.
Жаңы келген келинге күйөөсү жок аял биринчи жоолук салбасын биле жүр.
Жууган колду силкпе.
Туткучту баспа.
Дандырдан наны түшсө ысырыктап кой.
Насиптин алдын башкага бербе.
АЯЛЗАТКА КУЛАК КАГЫШ
Аялзаты малдаш токунуп отурбайт. «Зайыптарга сын көп болот. Алар чөгөлөп отурбайт» деген кептерди кулагыбыз кичине чактардан бери чалат. Аялдар үчүн сыңар тизелеп олтуруу эптүү да, маданияттуу да көрүнөт. Узун көйнөк антип отурууга шартталат. Эркектердин арасында малдаш токунуп отуруу аял-эркектин төрдөн орун алуусун анча айырмалай албайт. Үй ээси эркек болгондуктан, аны туурап отуруу ургаачыларга олдоксон сезилет. Аялдардын эркектерче малдаш уруусу теңчилик доордун тушунда, биз эркектерден кембизби деген чакта чыкты деп болжолдоого болот.
Шыпыргы тууралуу сөз. Негизи шыпыргыны жерге таштап коёт. Мында шыпыргы менен бирөөнү (өзгөчө эрин) чабуу аялдар үчүн өтө чоң күнөө болуп эсептелет. Бул – бирөөнүн болбосо да бирөөнүн каргышына калуу деген сөз. Карысын, күйөөсүн шыпыргы менен чапкан зайыптардын кийинки тагдыры тууралуу эл арасында кеп-сөздөр бар. Арийне, үй ээсе – эркек, анын эркектик касиеттерин ургаачылар сезе жүрүүлөрү тийиш.
Чайдын чамасын булганч жайга төкпөйт. Ал – тамакаштын калдыгы. Чаманы көпчүлүк жерлерде атайын жыйнайт. Аны жандар баспай турган жайга, таза жерге көөмп коёт. Көпчүлүк жерлерде жүзүмдүн түбүнө төгөт, баарыдан мыктысы, чайдын нымдуу чамасы менен килемди жана башка түктүү, түксүз буюм-тайымдардын үстүнө сээп, шыпырып тазалоо оңтойлуу болуп саналат.
«Чачыңды тепсендиге таштаба». Чач алынары менен анын ар талын калтырбай шыпырып алат. Аны акырчикирге ыргытып жиберүүчү эмес. Кичинекейлердин чачын алганда өзүнө тердирип: « Ме, мөмөлүү дарактын түбүнө көөмп кел»– деп туруучу. Бул – чачы бат өссүн, коюу өссүн, кичинекей кыздардын чачы узун өссүн, өрүмү жоон, мыкты болсун деген тилек. Чач калың, кайраттуу чыксын өңдүү тилекти да ичине камтыйт.
«Эркек адамды үстүнөн жана кийминен аттабайт».
Шарыяттын улуу жолунда эркек – үй ээси. Демек, ал – үй-бүлөнүн пири. Аны бала-бакыра урматтайт. Анын сөзү, иши эки болбойт. Эрди-зайып эриш-аркак жашап жаткан чакта эрди сыйлоо өмүрдөшү аялдан баштайт. Ушундан улам калган үй-бүлө өзүнөн өзү оң тарапка бурулат. Үй ээси эркектин алдынан кыя өтпөйт, башынан аттабайт, секирбейт. Кийимин өйдө коёт. Бул башкалар үчүн үлгү болуп кала берет.
Зайыптардын милдети. Аялзаты ички, үй ичиндеги тиричиликти аткарууга гана бөтөнчө шартташкан. Тышкы иштерди алыш-бериштерди жүргүзүү, т.а., табышкердик, үйгө алып келип, бала-бакырага үлүштүрүү жеринен эле эркектердин энчисине басылган. Албетте, мындай бөтөнчөлүктөр үй-бүлө мүчөсүнүн өз милдеттерин айкындаган. Жашоо-тиричиликти кандай өткөрүү эркектердин кудуретине жараша чечилген. Мисалы, касапчылык – эр бүлөгө таандык кесип. Малды жана башка айбанаттарды эч качан зайыптар мууздабаган. Балага, чоңбу, эркек аттуу гана жаныбарларды кыбыланы каратып, келме келтирип, анан аны курмандыкка чалган. Аялдар жардамдашуусу – ичекарын артуу өңдүү түйшүктөргө алар тике катышат.
Чака менен сууга баратса, адатта, илгерки кыз-келиндер сууга барууда апкөч алуучу, же эки чаканы эки колунда теңденип келүүчү. Жаңы сууга баратып, эшиктен уяттуу адамы чыкса, жаш келиндер кайра үйгө кире качуучу. Себеп дегенде: Биринчиден, уялуучу, ага дейре жүз көрүшө элек салтты сактоочу;
Экинчиден, бош чака менен алдынан чыгуусунда кайын журтубу, уяттууларданбы, же ошолорго тете адамдардын жолун бууп койбоочулугу; алардын атайын бараткан максаттары иш жүзүнө ашсын дегендиги. Келин-кесектер суу көтөрүп келатса, алардын жолунан чыкса, сууну жерге коё коюп, жүгүнүп калуусу – жаштын ызааты, улууга келин жол бошоткону.
АЯЛЗАТЫ ЖӨНҮНДӨ МАКАЛ-ЛАКАПТАР
Эне – тоодогу булак, бала – чөлдөгү кулан.
Эне адаты – кызга үлгү.
Эне өлсө – төркүн жок, ата өлсө – тууган жок.
Эне көөнү – бешикте, бала көөнү – эшикте.
Эне көрүп кыз ал, босого көрүп төрүнө өт.
Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз.
Эне сыйлаган элине жагат.
Эне сыры кызында, ата сыры уулунда.
Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл.
Энеге баланын алалыгы жок.
Энеге жакканың – балалык, элге жакканың – адалдык. Энеден тарбия башталат, эне тилден улут сакталат.
Эненин колунан кыз тойбойт, эрдин колунан куш тойбойт.
Эненин сөзү – нур, атанын сөзү – ур.
Эненин тогуз уулу болсо да көп көрбөйт.
Энеси жок кыз – элсиз, атасы жок уул – жерсиз.
Энелүүнүн оозу ойнойт, энесиздин көзү ойнойт.
Ата затын көр, эне затын бил.
Эне көргөн тон бычат, ата көргөн жол бычат.
Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
Аял жакшы – эр жакшы, вазир жакшы – хан жакшы.
Аял жакшысы – ырысы мол, аял жаманы – кайгысы зор.
Аял жакшысын эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт.
Аял намыс үчүн кара киет.
Аял сергегинен жумуш бүтөт, эркек сергегинен ырыс түтөт.
Аялды ашынан тааны, баланы башынан тааны.
Аялдын акылын жесиринде көр, баланын акылын жетиминде көр.
Аялдын жаманы атыңды булгайт, эрдин жаманы элди булгайт.
Аялсыз үй – суусуз тегирмен.
Аялсыз өмүр, өчкөн өмүр.
Зайыбы жаман лөк өз үйүндө кор, зайыбы жакшы чор эл көзүнө зор.
Зайыпсыз ашың даамсыз да, узун колуң кыска, каруусуз.
Зайыптарсыз ак ордо караңгы да, ак шейшептүү калың жууркан суук.
Үлпүлдөгөн аялдын үйүн көр, көтөрүлгөн аялдын журтун көр.
Аялыңдын сулуулугуна кубанба, аялдын сыйкорлугуна кубан.
Жалжаке аял төркүнчүл, жароокер аял кайынчыл.
Жаман аял эр коруйт, жаман эркек жер коруйт.
Жеңем билди дегиче, жер жүзү билди десеңчи.
Жароокер катын жатканча таяк жейт.
Катындын жаманы отту өчүрүп кашын күүлөйт. Адеби жок жигит – жүгөнү жок атка окшош, Адеби жок аял кабанаак итке окшош. Акылдуу катындын садагасы пул, Акылсыз катындын айдакчысы кул.
Катындын ичине карабашыл киши батат.
Эненин сүтү, элдин тузу ыйык.
Эне сүтү бой өстүрөт, эне тили ой өстүрөт.
Эстүүнү эне тут.
Эненин баскан жери бейиш.
Жакшы кыз – жакадагы кундуз.
Аял – үйдүн чырагы.
Аял – үйдүн куту.
Уулу бардын орду бар, кызы бардын кадыры бар. Жакшы зайып жаман эрди бий кылат,
Жаман эркек жакшыны алса күң кылат.
Эр айласы – бир, катын айласы – миң.
Тийген эри жарашса, кара катын ак болот.
Эр соргогу үй толтурат, катын соргогу үй түгөтөт. Аялың жакшы болсо, ачылып көңүл жыргайсың, Аялың жаман болсо, убайым жеп карыйсың. Аялың жакшы болсо, атчан кыйкырып үн сал, Аялың жаман болсо, үйдөн шыбыр үн сал.
Көк талды отунум дебе, көк бетти катыным дебе.
Кыздуу киши кыр ашат.
Эстүү зайып жартыны бүтөйт, кысканы узартат.
Ашыккан кыз эрге жетпейт, эрге жетсе да этеги жерге жетпейт.
Сайма сая албаган ийне тандайт.
Катын алсаң, отун ал.
Катын жакшысы – эр жакшы, обозгер жакшы – кан жакшы.
Катын жаманы эр корутат, эр жаманы жер корутат.
Катын ичине кара башыл киши жатат.
Эрдин ичине ээр-токуму менен ат жатат.
Катын кесир күткөндө эрине зыяны тиет.
Катын менен урушсаң, эрмек эмес майып иш.
Катын эрден табат, эр тилден табат.
Катын эрке болсо, эрине теке болот.
Катындын айласы кырк эшекке жүк.
Катындын жакшысы эрин багат, дыйкандын жакшысы жерин багат.
Катын жок – үй жетим.
Келини жакшы үйдүн керегеси алтын.
Келин жаман эмес, келген жери жаман.
Келинди келгенде, кемпирди өлгөндө көр.
Келиндин аягынан, койчунун таягынан.
Келиндин баласын кеңешип сүй.
Келиндин бетин ким мурун ачса, ошол ысык көрүнөт.
Келиндин жаман болгону – кереги тийбес ташка тең, Уулдун жаман болгону – апийим ичкен сартка тең.
Келиндүү болсоң кекээр сүйлөбө.
Кемпири жакшы чал көгөрөт, кетмени жакшы бак көгөрөт.
Байбиченин түлкүсү түштө улуйт.
Кедери кетердин келини ууру, так жүрбөгөн күндө чуулу.
Төркүндүн төрүндө болгуча, уулдун улагасында бол.
Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт. Төшөгүн салып жата албай – жерден көрөт, Өз эрин алып жата албай – элден көрөт.
Ургаачынын тили – устаранын мизи.
Узун тил өмүрдү кыскартат.
Зайыпсыз ашың даамсыз, тузсуз да, узун колуң кыска, каруусуз.
Эже кийгенди сиңди киет.
Эжекем эрге тийди, эскиси мага тийди.
Эжелүү кызга тон кайда, эчкилүү койго суу кайда.
Кыз – конок.
Кыз бала үйдүн көркү, уул бала элдин көркү.
Кыз бала эрде жакшы, болбосо жерде жакшы.
Кыз баласы кызыктырат, уул баласы ууктурат.
Кыз деген буйлалаган төө.
Кыз жакшысы чалкакка тийген айдай, чыныга куйган майдай.
Кыз жаманы – кыроо, кыз жакшысы – кымбат.
Келин жаманы кетпес кезик.
Кыз карыса наз болот, карыганда ыраазы болот.
Кыз кылыгы менен жакшы, ийне учугу менен жакшы.
Кыз турган үйдө кыл жатпайт.
Кызга катылган кедей болот.
Кыздуу болсоң, көздүү бол.
Кыздуу үй кан көпүрөсү.
Кыздуу үйгө кырк ат байланаар.
Кыздуу киши кыр ашат.
Кыздын көзү кызылда.
Кыздын кырк чачы улуу.
Кыздын сыры төркүнгө маалым.
Кыздын төрүндө болгуча, уулдун улагасында бол.
Кызың жаман болсо, жети атаңа жетээр, «аттигиң ай» деп өмүрүң өтөөр.
Кызым, колумдан учурган кушум.
Бакылдаган текени суу кечкенде көрөрбүз,
Шакылдаган катынды кыз бергенде көрөрбүз, Такылдаган келинди үй чечкенде көрөрбүз. Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу, Катының жакшы болсо малың байлануу.
Бербес кыздын назы көп.
Жакшы аял акмакты адам, жаманды жакшы, бактысызды бактылуу кылат.
Жакшы аял – дөөлөт, жаман аял – мээнет.
Жакшы аял – ырыс, жаман аял – уруш.
Жакшы аял алгандын тою үйүндө.
Жакшы аял бир айыл элди агартат, жаман аял өз башын эптеп агартат.
Жакшы аял жакын кошот, талыкпай акыл кошот.
Жакшы аял – үй ээси, жаман аял – жол ээси.
Жакшы аял – үйдүн жайсаңы, жаман аял – үйдүн шайтаны.
Жакшы болсо алганың, жаркылдаган кушка окшош, атыр жыттуу гүлгө окшош.
Жаман болсо алганың, алдыңдан өткөн сызга окшош. Жакшы болсо катының, табыла берет акылың, Жаман болсо катының, кете берет акылың. Жакшы катын – жарым ырыс.
Жакшы катын – капкалуу шаар, Жаман катын – ичи толтура заар. Жакшы катын эрге дөөлөт, Жаман катын эрге сөөлөт.
Жакшы келин – келиң, жаман келин – өлүң. Жакшы кушка жаман куш бабы менен теңелет, Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет.
Жакшы кыздын башына бермет менен шуру ойнойт.
Жаман аял белгиси казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
Жаман аял кетем деп коркутат, жаман эркек өлөм деп коркутат.
Жаман катын алганча бойдок жүргүн өлгөнчө.
Жаман катын белгиси жапкан наны карала.
Беш эчкиси тууса эле бел курчоодон сарала.
Жаман катын мактанат, жарга тартып аттанат.
Жаман катын сым камчы, кол байлаган ар камчы.
Жаман катын терисин жыйбай иттен көрөт, башын жуубай биттен көрөт.
Жаман кыз бет тырмаак болот.
Жаман кыз тамак үчүн ыйлайт, жакшы кыз энесин сыйлайт.
Жаман кызга энеси элчи.
Жаман кыздын сөздөрү көк желкеге ургандай. «Жебейм, жебейм» – деп, жемекей катын түгөтөт, «Ичпейм, ичпейм» – деп, ичмекей катын түгөтөт.
Колуңда жүрүп билинбейт, камчыдан артык курал жок.
Койнуңда жүрүп билинбейт, катындан артык тууган жок.
Алган эри жарашса, кара катын ак болот, Баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот. Алганың жакшы болсо, жакаң агарат, Алганың жаман болсо, сакалың агарат.
Алганың жакшы болсо, табылат акылың, келе берет жакының.
Алганың жаман болсо, суук сөз угуп күйөсүң, Алганың жакшы болсо, бал сөзүн угуп сүйөсүң.
Алганың көөнүн кирдетпе, «атаң» деп бизди тилдетпе.
Алганың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда.
Алты катын азага барса, ар кимиси өз арманын айтат. Арпа берсең атка бер, Күтүр-күтүр чайнасын. Кызды берсең жашка бер, Кучакташып ойносун.
Атың жаман болсо сатып кутуласың, Досуң жаман болсо качып кутуласың, Катының жаман болсо кантип кутуласың.
Жакшы катын: Жакшы катын жоодурап, Ачык болот кабагы. Акак күйгөн күмүштөй, Аппак болот тамагы. Олуттуу ишти ойлонуп, Окуй турган сабагы. Эл турганда чыр баштап, Эзелден урбайт баланы. Душманыңды дос кылып, Агартып турат караны. Айлантып жумшап бөлөктү, Сөздөн берет параны.
Айлыңды тамак-ашка алдап,
Бүтүрүп турат чалаңды. Азамат эрдин бактына, Акылдуу болсо алганы. Эл көзүнчө урушуп, Эрине тийбейт залалы. Таалайыңа кез болсо, Табытың базар каланы. Көп ичинде урушуп, Көрүнө чаппайт баланы. Жакшы болсо ургаачы,
Жатыктыгын ылгачы,
Жакшылардын мүнөзүн, Жар бурадар сындачы. Сылык болсо ургаачы, Сыпаалыгын ылгачы.
Тапмайынча бир жакшы, Таалайлуу жигит тынбачы. Акылы бар боз бала, Акыйкат сөзүм тыңдачы. Таалайлууга кез болот, Табылса жакшы ургаачы. Жакшы болсо дүйнөдө, Табылбай турган урматы. Эрегиш кылбайт эрине, Бул дөөлөттүн зыйнаты. Күлө багып кашкайып, Күзгүдөй бети тастайып. Санат менен сөз айтып, Сарамжалын башкарып. Кылып турат буралып,
Кызматыңды башкарып
Айланып турса кашыңда, Күмүштөй тиши кашкайып. Күлбөй сүйлөп мустайып, Сүйгүң келет чиркинди.
Ичиңден ышкың козголуп, Кыя басып шыпылдап, Кыргыек куштай кыпылдап.
Өз эркинче кайпактап,
Жүрө бербес жайына.
Самоорлорун пардатып, Дасторконун жайнатып.
Кандырар суусун чайына, Айттырбай билет машыңды.
Каккандай кашыңды,
Мейман үчүн даярлайт, Береке кошуп ашыңды. Беш күндүк жалган дүйнөнү, Бедөөлөт кылат жашыңды. Жалган эмес анык сөз, Жаннат кылат жаныңды. Алла Таала буюрсун, Азамат эрдин башына.
Акылга дыйкан асылды,
Капалык менен иши жок
Кабагы жарык күлгөндөй, Кас кишиңди дос кылат.
Кадимки бирге жүргөндөй,
Айттырбай билет сырыңды, Кагаздан окуп билгендей, Асылзаттын поруму.
Азелде жүрбөйт түрлөнбөй, Матаны киет түрлөнтүп.
Пачайы көйнөк кийгенсип, Душманга сырын билдирбей. Жооп берет сүйгөндөй, Кылар ишин туюнтуп. Кызматкерге буюртуп, Кылып турат кашыңда. Шыпырып турат тамыңды, Санап турат малыңды. Жакшылап жууруп бышырып, Таттуу кылат наныңды. Кызматыңдан чыгарып, Эшик ачып киргизип, Эсине алат затыңды.
Алганы жакшы эр жигит,
Ачылган кызыл күлдөйсүң.
Жаман катын:
Жабырдан салба айгырды, Жакшыдан алгын сайбыңды.
Жакырдан кылба кайныңды,
Жакырдын кызы жай билбейт, Жалгыздан бөлөт айлыңды. Чаркырап турса үч убак,
Жаба албайсың айбыңды. Башка чаап жалкытпа, Мине турган атыңды. Башында көрүп куда бол, Ала турган катынды.
Көрбөй туруп туш болсоң, Көп ойлосоң жоругун, Көк мээ кылат башыңды. Ичине көр-жер түшүрүп, Балит кылат ашыңды.
Тамагыңды шишитип, Так ошентип сурайт жашыңды. Армандуу эрдин бактына, Аксым катын жолугат.
Асанда туруп көп айтсаң Алты күнгө оолугат.
Жаман болсо алганың,
Отко жанды салганың. Ол дүйнөгө баргыча, Оозуңдан кетпейт арманың. Мейман келсе урушуп, Бет алдырбай тырышып. Нан барбы десең ун жок деп, Назарыңды сындырат.
Жарты тыйын пул жок деп, Асты кишини карабай, Акылсыз сендей кул жок деп. Убайым тартып үшкүрүп, Үйүңдө мындай бул жок деп. Баштан аяк сурасаң, Баары тамам шол жок деп.
Бетиңе салар майыбыңды, Чыңырып турар айбыңды. Уялгандан токтолуп, Артың менен жыласың. Алыстан келген мейманды, Араң конок кыласың.
Капа болуп кайгырып, Канткенде мындан тынарсың. Төркүнүнө бербесең, Төрт сакалды жуларсың.
Төшөгү жатат жыйылбай, Төбөңдөн тийип турарсың. Ашкере кылат айыбыңды, Айтып турат дайныңды.
Анча-мынча мал тапсаң. Алдырып коёт айыпка. Акмак болсо алганың, Арылбас сенин арманың.
Кутулбай турган балаага,
Кудурет салса калганың, Кудай кылса пенделик, Өтөр ошентип сенделип. Жаман менен урушсаң, Жеңе албайсың тең келип.
Урушкандан уялбай,
Уятка коёт шерлерин, Кайрат кылып какайып, Кармашып турат демденип. Адамдын өзүн какшатып, Айткан сөзү ок болот.
Ушак айтып сүйрөңдөп, Урушка оозу шок болот. Күндө үч убак урушуп, Күйгөндөн ичиң чок болот. Кокуйга атаң туш кылса Өрттөнүп ичиң от болот.
Самыны турса кир жуубайт,
Тойтоңдогон жамандын,
Түндөгү ишке жетеби Кечке күндүз урушуп, Мунун кургатканы кетеби. Акмак болсо катының, Сенде калбайт акылың. Эр өлтүргөн душманда, Кас болот сенин жакының. Маселе сөзгө кирбестен, Айткан сөздү билбестен. Жакшы катын дүйнөнүн, Табылбай турган базары. Жамандардан баш алып, Кутулганча качалы.
Далайды көрдүм катындан.
Жемесин уктум капырдан, Акмак болсо катының, Айып турат акылдан.
Суук тилди жиберип, Ыраак кылат жакындан.
Жакынды антип кетирет Өзүң жаман болгон соң, Сөздү өзүңө келтирет.
Жаман катын менен жакшы катын:
Ырда десең ырдайын, Ырым жок деп турбайын. Ырдын башы араба, Ырды менден сураба. Чайдөштөгү чайга окшоп, Кайнап ырдап берейин.
Күрүч менен күрмөктү, Алмаштырып ырдайын. Жакшы менен жаманды, Салыштырып ырдайын. Жакшы деп жатып албагын, Узак деп уктап калбагын.
Жаман катын алгыча,
Жанды азапка салгыча,
Мойнуңду толгоп бойдок жүр, Маргалаңдай шаарда
Боз бала болуп ойноп жүр.
Катын алсаң кайдан ал? Теги нарктуу жайдан ал, Кылыгы менен сөзүңө, Кылып берет өзүңө.
Кудай алсын жаманды,
Бейбазар барып беш сомго Ала турган бул эмес.
Сата албасаң базарга, Кайтып келсең мазарга Кудай алсын жаманды. Курбаны болсун жакшынын, Алмадай камыр аш кылат. Азил тайпа кеп менен Адамдын көөнүн кош кылат. Жийдедей камыр аш кылат, Жигиттин көөнүн кош кылат. Кудай алсын жаманды Аш кыл десе нан кылат. Орто жерин күйгүзүп, Тегерек четин кам кылат. Аны жеген жигиттер Осуруп жүрүп заң кылат.
Курбаны болсун жакшынын, Булгары кылат терини, Мырза кылат күйөөнү.
Кудай алсын жаманды, Калдырак кылат терини.
Аптада жыртып бир көйнөк
Карыздар кылат күйөөнү,
Курбаны болсун жакшынын
Эр талаага жөнөрдө
Атына кармап мингизет, Тонду салып кийгизет.
Кудай алсын жаманды, Эр талаага жөнөрдө, Куржун десе кап берет. Кудай мага берди деп, Ашканага тап берет.
Аштанадан таппаса,
Кайтып чыгат дулдуюп, Ашкананын ичинен, Сууруп чыгат көмөчүн. Чачышып кетип тулгага, Тартып алат өңгөчүн. Тил сүйлөсө баладай.
Катындын эң жакшысы Жаман кыял пейли жок. Жаман айтпай эрине Жакшы болот элине. Андай катын жолукса Аябай берип ашыңды.
Азиз кылат ар жерге
Алганын башыңды,
Кара токум ар тердик Жасап коёт атыңды.
УЛУУЛАРГА УРМАТ
Кыргыздар дайыма атасын, атасындай улуу адамдарды өмүр бою сыйлаган, урматташкан. Атанын сөзүн бала эки дебей, каяша айтпай, куп деп аткарган, накылына баш ийген, бапестеп багып, каада-салт сактап, а дүйнөгө узаткан.
А карыялар бабалардын нарк-каадасы менен бала- бакырасына, небере-чөбүрөсүнө, ага-туугандарга жана башка адамдарга улуттук жосунда мамиле жасап, дайыма калыс болуп чындыкты айтып, ошону менен боорукер, адамкерчиликтен танбай, ыплас ишке барбай, оозуна жаман сөз албай, жаштарга үлгү болор салабаттуу, нарктуу өмүр сүргөн. Ар бир карыянын өмүрү бир эле өзүнүн бала-бакыра, небере-чөбүрөсүнө гана сабак болбостон, жалпы журтка маалым, таалим болгон. Улам кийинки карыя: «Баланча атадай өмүр сүргүлө» – деп урпактарга насаат айткан. Кыргыз карыянын жашы, жорук-жосуну жана акылмандыгы жөнүндө эл ичинде нечен сүйкүм, көркөм ырлар, макал-лакаптар, санаттар жана дастандар жа ралган.
Карылыкка баш коюу. Бул – көбүнчө жашап калган адамдардын Алла Тааланын амирине баш буруп, ниетине чаап, ыклас-ыйманын бек тутууга карата аракети. Беш парзды: келме келтирүүнү, орозо тутууну, намаз окууну, садага-секет (битир) берүүнү, ажыга барууну аткарууга далалаттануусу. Жүрүш-турушун эми такыба сезүүсү. Үлгү көрсөтүүчү жагдайларга жетишүүсү. Ыплас, ырыс кыркаар иштерден өзүн оолак кармоосу. Диндин өкүлү катары сезүүсү. Мында чачы алынат, мурут-сакал койдурат. Аларды апсайтып өстүрбөй, өз учурунда тескеп турат. Мүмкүн катар чепкен, кемсел, бешмант, кепичмаасы киет. Абалы намаз үйрөнөт, жол-жоболору боюнча беш убак намазга жыгылат. Жайнамазы, кумганы сөзсүз болушу зарыл. Намаз жумага барат. Өзүн таза тутат. Ичкилик, уурулук, ушак-айың жана башка шайкелең тараптан кол үзөт. Басса-турса келме келтирет. Кийинкилерин оң жолго үндөйт. «Ал беш убак намазын үзбөйт», «Орозо кармайт», «Азан чакырат», «Балдарды сүннөткө отургузат», «Өйдө-төмөн жүрчү эле, эми минтип»… өңдүү сөздөргө эгедер болот. «Оо, кудай төбөңөн тийгир. Пайгамбар жашына барды, калжактабай карылыкка моюн сунса боло». Албетте, мындай сөздөр да айыл ичинде арбын угулат.
«Жаттым тынч,
Жаздыгым кенч,
Тилим куран,
Тилегеним ыйман» –
деп турат. Аны бала-бакырасына үйрөтөт.
Карыя. Тээ илгерки заманда карыган кишилердин баары эле «карыя» деп атала берген эмес. «Карыя» деген атак – акылына сөзү, сөзүнө кылган иши жарашкан карыларга гана берилген. Андай карыялар төрдөн орун алып, аябай ардакталган жана урматталган. Көкө Теңирликтин «Карыя – айткан сөзү дарыя» деген ой-санаты да мына ушундан калган. Андай карыялар кандардын бирден бир акылман кеңешчиси, чоң жыйындарда топ жарып сүйлөгөн чечени, элди ар кандай ишке чегип берген уюштуруучусу, той менен аштардын көркү болгон. Эң башкысы, Көкө Теңирликтин эс-акылынан жаралган түмөндөгөн ой-санаттарды «алмадай башына батырган» эл билгиси эле! Алар күндүз эл-журттагы ар кандай маселелерди чечсе, кечкисин очок кашында тээ эң байыртадан келаткан «Теңир жомокторду» (санжыра аңыздарды) айткан. Аны бүт айыл чогулуп уккан учурлары көп.
Керээз (керээз айтуу). Бул – адамзат жарык-жалган дүйнөдөн биротоло көчөөр алдында эл-журтуна, балабакыраларына калтырган сөзү, акылы, кеңеши, акыркы айткан сөзүнүн ток этээри. Керээз айтууда элибиздин табигый маданиятын билебиз. Мурунтан баштап эле: «Кийин көзүм өтсө, муну мындай кылгыла, тигини тигиндей жасагыла, сөөгүмдү ошол жерге койгула, жайымды тигиндей ойдургула» – деп айтылып келген. Албетте, мында «өлбөстү кудай жаратпайт, сынбасты уста жаратпайт». Жан-жаныбар туулат, өсөт, өнөт, өлөт. Жаратылыштын мындай мыйзамченемин четтей өтө албагандан соң болочок иштерди күн мурунтан боолголоп коюу парзыбыз бар. Муну бала-чака түшүнсүн.
Экинчиден, адатта, адам «боюн түзөп», таазим берээр алдында, болгон күчүн жыйып туруп, оюндагысын айтат. Ал сөзү калгандары үчүн ыйыктай сезилет. «Мурун эле айтып журүүчү», «өлөөр алдында айтып калды», «ушуну айтууга араң жарады»… Арийне, керээз угуп калуунун өзү маани-жай. Мында маркумдардын кадыр-баркы, алардын айткандары бизге ыйыктыгы аркылуу бааланат.
Үчүнчүдөн, керээз – ага-туугандарын, бала-бакыраларын, кадыркечтерин чогултуп туруп, атайын мал сойдуруп, эт желип, бата тиленип бүткөндөн кийин, балабакыра жай-жайына тарап, улуулар калганда, жарыктык оорулуу баарын тегерете карап, сыдырата санап, кимдер бар, кимдер жоктугун билип, орой көз чарай отургандарга айтыла турган сөз. Арийне, анда төмөнкүдөй суроолор камтылат: мал-жан кимдерде калат, кара ашка канча союлат. Кимдер топурак салат, сөөктү кимдер кармайт. Эмнелер коюлат: жаназасына, дооранына, мүчөсүнө, жыртышына, мүрзөсүнө ж. б.
Ыраазылыгын алуу, ыраазычылыгын берүү. Бул – адамзат жарык-жалган дүйнөдөн өтөрдө, кетээрде айтылып калар адат. Эски адамдар алдын-ала: «Мен силерге ыраазымын, өлсөм сөөгүм ыраазы. Армансыз жашадым. Силердин алдыңарга кетейин. Ак кепиндеп, аруу жууп, көөмп койгула,– деп, эртели-кеч айта, кулак кагыш кыла жүрүшөт. Албетте, мындай карылык нуска бала-бакыра үчүн салттуу-нарктуу көрүнүштөй туюлат.
Мунун экинчи тарабы бала-бакыра, үй-бүлө жүрөк токтоор алдында андан ыраазычылыгын суроо. «Кеткен күнөөм болсо, кечир» – деп өтүнүү.
Адатта, ата-энелер, ага-туугандар алдын-ала эне сүтүн, элик сүтүн кечет. Бул баарын кечкенге барабар. Андан аркы сөз, мүмкүн катар, мындан аркы ынтымак-ырыс тууралуу болушу ыктымал. (Ал «Керээз айтуу» макалада айтылган). Зыйнатына кандай вазийпалар көрүлөт. Ийри отургандарды ичтен тындырып, ал кабардар кылат. Адам көз жумгандан кийин ушул өтүнүчтөр, албетте, сөзсүз аткарылат. Оо, жалган-жарык дүйнөдө тирүүлөр үчүн мындан артык буйрук жок. Муну урматтайлы, муунжүүндү бошотсок да, ал шертти изден тайбай аткаралы…
Керээз айтууга шайы келбей кетти, баарынан ушул өкүнүчтүү деп калат.
Өмүр жөнүндө нускоо. Отузуңда ордо бузбасаң, кыркыңда кырып келди дегениңе эч ким ишенбейт.
Акылдуу жыйырма жашта башмын дейт, акылсыз элүү жашта жашмын дейт.
Болор адам жетисинде баш болор, болбос неме элүүсүндө жаш болор.
Жетимишти желкелесе да, жети кулдук изи жок.
Эр ортону – элүү.
Жакшы киши кыркында толот, жаман киши кыркында соолот.
Билгилер сөзү: «Он жашың – оюнга канбаган мышык, ой-даа кызык.
Жыйырма жашың – көпөлөк, учуп турган көкөлөп.
Отуз жашың – куш, ойкуп-кайкып сыз.
Кырк жашың – булбул, кылыч миздүү кургур, сөз баккан сүйлөөр учур.
Элүү жашың – торгой, даанышмандык келген кез.
Алтымышың – чидерленген ат, шамал менен жарышкан күн өткөн.
Өйдө басса өрүүсү жок, кайра тартат, капталдап оттойт, өткөнүн жоктойт.
Жетимишиң – аркандалган ат, кыйырыңда казык кагылат, кыл аркан бутка чалынат.
Даттанган менен датың өтпөйт, айткан менен үнүң жетпейт.
Сексен жашың – сөөк, анардай кызыл бет кетет, бүткөн бойдон эт кетет.
Ойлонуп кылган иш кетет, отуз эки тиш кетет, муун бошоп шай кетет.
Токсон жашың – топурак.
Жүз жашың – жок, мына ушундай тура өмүр шок».
Кыркта – кылаң, элүүдө – элес.
Азаматтын жакшысы: он бешке келсе кичүүлүк жок, жүзгө келсе карылык жок. Карылыктын кары, Алсыздыктын айыбы.
Бардык мүчө алсырайт,
Өпкө чегинен өтөт,
Кекиртек кебинен, Эрин эбинен кетет.
Отуз эки тиш түшүп кыйнайт, Ооздун коргону бузулуп кыйрайт.
* * *
Он беш жашта – жарга ойногон улактайсың, Жыйырма беште – күйүп турган чырактайсың.
Отузда – оргуштап, шаркырап аккан булактайсың.
Кыркыңда – кындан суурулган кылычтай кычыраган убактайсың.
Элүүдө – эр ортонуна келип, акыл ойноор убактың.
Алтымышыңда – аркандалган аттай алыска кете албай каласың.
Жетимишиң – желенин башы, жердин ташы, карынын жашы, балээнин башы, күч-кубаттан кем кылат.
Сексениң – карылык үсүр башыңда, сенек болдуң, кимге керек болдуң.
Токсонуң – эсер, карылык кайтпаган кесел, тоголонгон жаш. Өмүргө келген азап, айткан сөздөн кем болдуң, өлүү менен тең болдуң, өлбөгөндө не болдуң.
Жүзүң – топурак, мүдүрүлүп жол кайда?!»
«Оюлгур болсо он экиде – баш, союлгур болсо жыйырма экиде – жаш».
«Жаш келип кырк менен ашташар, ошо кезде жигиттик да коштошор».
«Кырк жашында адеп менен акылы болбогон адам – адам эмес».
«Элүүсүндө эс кирбегенге, ээги түшкөндө эс киреби».
«Элүү жашың – эңген кез, даанышмандык келген кез».
Он беш жашта – жарга ойногон улактайсың, Жыйырма беште – оргуштаган булактайсың. Отузда – октос берген кабыландай, Кыркыңда – кындан суурулган кылычтай, Элүүдө – адырдан качкан аркардайсың.
Алтымыш жаш – аксатат, аркандалган аттай алыска бара албай каласың.
Жетимиш – желенин башы, жердин ташы, карынын жашы, балээнин башы.
Сексенде – сенек болдуң, кимге керек болдуң.
Токсон – тоголонгон жаш, өмүргө келген азап.
- * *Айткан сөздөн кем болдуң.
«Бир жылды көздөп дан өстүр, он жылды көздөп тал өстүр, жүз жылды көздөп бала өстүр».
- * *
«Адамдын эки жашы болот. Биринчиси – санак жашы, экинчиси – билим жашы. Санак жаш – Теңирден. Билим жаш – адамдын өз колунда».
- * *
«Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, Жүзгө чыкса карыдым дебейт».
«Акылдуу жыйырма жашта – башмын дейт, Акылсыз элүү жашта – жашмын дейт».
- * *
Эр азамат жыйырмага чыкканда карууга толуп, бөрүдөй бөсөр кези болот.
Эр азамат отуз жашта акыл-ою токтолуп, кумайдын кызыл түлкүсүндөй бермети толгон кези.
Эр азамат кырк жашта баскан жолдон жанбоочу калыбындай курч кези.
Эл ичинде элүү жаш, ал энебей өткөн арыстанга окшоп өтүп кеткен кайран жаш, эмне деп болор бөөдө мас.
Алтымыш жаш алыңа алымсынбаган кез.
Жетимиш жаш ал-күчтөн тайыган чак.
Сексениңде сермөөгө, эки көзү ирмөөгө келбей, денеңден эт качкан кез. «Жети атасын билбеген, Жергесинен кул болот.
Тогуз атасын билбеген,
Тобунан азган кул болот».
* * *
1–12 жыл (биринчи мүчөл) – балалык. Элдин берген баасы: чалалык, эркелик, оюнкорлук, тентектик, табият менен биргелик.
12–24 жыл – жаштык. Элдин берген баасы: шаттык, кызуулук, эрдемсүүлүк, демдүүлүк, сүйүү.
24–26 жана 36–48 – орто жаш. Элдин берген баасы: кер мурут, кара сакал кез, токтоолук, жооптуулук, иштемчилдик, сыналгы курак.
48–60 жаш – жетик жаш. Элдин берген баасы: сабырдуулук, оорбасырык, акылмандык, эмгекчилдик, эстүүлүк.
72–84 жаш – улгайган карылык. Элдин берген баасы: акылмандык, чыдамдуулук, сактык, моюн сунуу.
- * *
«Мансап улуу эмес, жаш улуу».
- * *
Он жаш – улак.
Жыйырма – бычак.
Отуз – өгөө
Кырк – кылыч.
Элүү – найза.
Алтымыш – аркан.
Жетимиш – тушамыш.
Сексен – чидер.
Токсон – тоголок.
Жүз – кумалак.
Батыш окмуштуулардын тандоосундагы жашты бөлүштүрүү. Бала чак – он жашка чейин.
Өспүрүм кез – 11–19 жаш.
Биринчи жаштык 20–25 жаш.
Экинчи жаштык 36–45 жаш.
Үчүнчү жаштык 45–55 жаш.
Жетилүү 56–65 жаш.
Карылык 86–100 жаш. Көкшүн 100–120 жаш.
Кыргызча жиктештирүү. 25 – 35 жаш – толуп турган учур.
50 жаш – эл ортону.
60 жаш – карылыктын башы.
70 жаш – карылыктын жашы, өмүр күзү.
80 жаш – селейе түшүү.
90 жаш – тоголок.
Мүчөлгө бөлүү. Ар бир он үч жылда бир мүчөл болот. 25 жаш эки мүчөлүү, 37 жаш үч мүчөлүү, андан кийин 49, 61, 73, 85, 97 ж.б. жаштар саналат.
Илгертен кыргыздар мүчөлүү болгондо өзүнүн ырымжырымдарын милдеттүү түрдө өткөрүшкөн. Ар күнү байбичелер мүчөлүүнүн жаткан жерин, жууркан-төшөгүн, бөлмөсүн жыт чыгарып, арча менен аластап, жети түрдүү даамдан (суу, туз, дан, эт, май, мурч, жашылча) турган тамак-аш жазап, кан чыгарып, тегеректегилерди чакырып ооз тийгизип, батасын алган. Садага-секет берген. Мүчөлүү кызга кызыл көйнөк кийгизген. Эски кийим-кечелерин өрттөп ийишкен.
Жашты саноо. Элибиз адамдын да, жырткыч канаттуулардын, малдын жашын саноодо ар кандай жоромолдорду урунушат. Канаттууларды анын ичинен алгыр куштарды бир түлөк, эки түлөк, үч түлөк, төрт түлөк, беш түлөк деп кыйлага санап кете берет. Жылкыларды бир асый, эки асый, үч асый… деп жыбырап жашын санамай бар. Ушул сымал жаш наристе эрезеге жеткиче беш баскычты басып өтөт. Куштар сыяктуу тушоо кесүү мезгилине чейин бир түлөк, сүннөткө отургузуу учуруна чейин экинчи түлөк, улан болуусу (кыз балдардын беш көкүл аталуусуна чейин) төртүнчү түлөк, үйлөнүүгө чейинкиси бешинчи түлөк деп да өмүр сапары саналат. Түлөк деген сөз канаттуулардын канат-куйруктарынын жыл сайын түшүп жаңырып туруусунан чыккан түшүнүктү балдардын да жашына карата каймана мааниде колдонулса керек.
Карылык жөнүндө макал-лакап:
Кары – карынын сөзү дары.
Кары адам – үйдүн куту.
Кары адамдын каркыттаган, «карыя» деген сөз болот.
Кары алжыса баладай.
Карысы бар үйдүн карааны чоң.
Кары билгенди бири билбейт.
Кары билет кааданы, карчыга алат сонону.
Кары жаш болбойт, баш таш болбойт.
Кары канча карыса да, карышкырга амал табат.
Кары келсе ашка, жаш келсе ишке.
Кары киши таптоодогу куш.
Карганда берсин дөөлөттү, жаш кезде берсин мээн етти.
Карылар бул дүйнөнүн мейманы.
Карылык коркунуч эмес, өмүр – коркунуч.
Карылыкка жетип, касиетке жетпеген жаман.
Карынын кебин капка сал.
Карынын өзү – жамак, жамагы жашоого – сабак.
Карынын сөзү кеп болот, капалыкка эп болот.
Карысы бардын ырысы бар.
Карыя өз үйүнө – конок, одоно болсо – жомок.
Карыялуу үйдө – кут, кара бороон болсо – жут.
Карыяны сыйлабаган, карыганда сый көрбөйт.
Акылдуу карыя – агып жаткан дарыя.
Жаш кезиңде сыйлап жүргүн аксакалды, карыны.
Картайганда кайра өзүңө, сыйдын тиет жарыгы.
Кудуреттүүлүк мал-дүйнөнүн көптүгүндө болбогондой эле, улуулук дагы жаштын узактыгында эмес – акылда.
* * *
Карыларга берилүүчү бата. Бала-бакыраңардын күнүкүчүн көргүлө.
Балдарыңардын убайын көргүлө.
Арчанын жашындай өмүр берсин.
Кылым карыта көп жашаңыздар.
Эч качан картайбай жүрүңүздөр.
Сиздер бар болсоңуздар биздин дүнүйөбүз кеңири болот.
Балдарыңардын сыйын көргүлө.
Бала-чакаңардын ыраатын көргүлө.
Өмүрүңөр узак болсун.
Оозуңда отуз эки тиш калбасын.
Башыңа бакыт конуп, кемшеңдеп жеген казыдан, Сакал-мурутуң майлансын. Небере-чөбүрө жаныңарда Базар түшүн айлансын.
Сенден тараган урпактын Эч кайгысы болбосун. Ушу айтканым кабыл болуп, Арбактарың колдосун! Оомийин!
Карыларга ак тилек:
Узак өмүр бирге жашап,
Жуурулуп жүзгө жеткиле, Өмүрдө эч кейибей өткүлө.
Отургула уулдун төрүнө,
Балдардын жакшылыгын көргүлө, Ыр, күлкүнүн үстүндө эле жүргүлө, Бактылуу өмүр сүргүлө.
Үйүңөрдөн ырыскы, той кетпесин, Небере чууруп келе берсин, Чөбөрөңөр колдон жетелесин.
Батаңарды бергиле урпактарга, Бириңден бириң адашпагыла, Каада, нарк менен жашагыла. Катарда болсун жолдошуң, Теңирим силерди колдосун. Оомийин!
* * *
Түнүңөр тынч болсун,
Үйүңө ырыс толсун, Келиндериң эстүү болсун, Уулдарың сестүү болсун.
Балдарың кубаныч апкелсин, Неберелериң жубаныч апкелсин, Ай, жылда эмес, күн алыс апкелсин. Орунуңар төр болсун, Дасторконуңар мол болсун. Катарыңар суюлбасын, Кырчын талыңар кыйылбасын.
Жаштардын казасын көрбөгүлө,
Душмандын жазасын көрбөгүлө, Элиңдин азасын көрбөгүлө. Калкыңда бийлик болсун, Жарашкан тирлик болсун. Токсон тогузуңарда Түзөңдөн түзгөнүң көрөлү. Жүзгө чыкканыңарда Жүзүңөрдөн өбөлү. Оомийин!
* * *
Балаң өзүңө шай болсун,
Ыңгыраган бай болсун,
Желеден сааны кетпесин, Башынан кайгы өтпөсүн. Аты кетип Алайга, Даңкы кетсин далайга. Аргымак атын желдирсин, «Атанын уулу» дедирсин.
Кыргызга атын билгизип,
Кыйлага затың сүйгүзүп,
Үстүңө кымкап кийгизип, Бакыт берсин башыңа.
Сексенге чыга жашаңыз, Серкенин майын ашаңыз. Токсонго чыга жашаңыз, Топоздун майын ашаңыз. Жүзгө чыга жашаңыз, Жылкынын майын ашаңыз. Жаш кошулсун жашыңа, Баш кошулсун башыңа. Кызыгын анын көрүңүз, Кылым дооран сүрүңүз.
Көлүгүң миништүү болсун,
Көңүлүң тыныштуу болсун, Карылык ырыстуу болсун, Пейлиң жугуштуу болсун. Оомийин!
- * *Айтканың эки болбосун, Агайын-тууган колдосун. Сөзүң эки болбосун, Сөөлөтүң Кыдыр колдосун. Өкүмүң эки болбосун, Өзүңдү Теңир колдосун! Оомийин!
- * *
Торколуу тоюң кут болсун,
Төрт тарабың куп болсун,
Томуктай болгон башыңа, Тоодой бакыт жык толсун! Токумчан жеттиң марага, Топтогонуң жүк болсун. Кемибегин ашыңан,
Кенен болсун казынаң, Керээлди-кечке чериңи жазсын Кемпириң менен кошунаң.
Даанышман сөзүн эстеңиз, Даамдуу ширеден кетпеңиз. Деми жаш жыттан издеңиз, Дембе-дем тынбай искеңиз. Дабаа болуп ушулар
Дагы отуз жыл иштеңиз!
Күмүш тойго бата:
Куттуу болсун күмүш той, Той дегениң ырыс го. Алтын жамбы берсем да, Экөөңө тең дурус го.
Күмүш тойдун аягы, Алтын тойго жалгашсын. Жаркырасын жаныңар, Жүзүндөй ак албарстын. Күркүрөсүн демиңер, Мизиндей көк албарстын.
Ташый берсин дөөлөтүң, Жарашып сан сөөлөтүң. Кара курттай кыжылдап, Өсүп-өнсүн овлатың.
Өрлөп дайым ташыңар, Жээктен ашып-ташыңар. Ажырабай жубуңар, Жүзгө жетсин жашыңар.
Калт-калт этип жаңгактай, Ошондо кагышып турсун башыңар. Оомийин!
Алтын тойго бата:
Алтын той куттуу болсун, Алтындан баалуу болгула, Жылдыздай наарлуу болгула. Кундуздан жакалуу болгула, Күмүштөн такалуу болгула. Өркүндөп-өскөн урпагыңдын, Үзүлбөс сабагы болгула. Жүрөктүү туулган уулдарыңдын, Акылчы жарагы болгула. Ай жүздүү аппак кыздардын, Алтын сом тарагы болгула. Кайда жүрсөңөр жолуңар болсун, Үйүңөргө Кызыр келип консун.
Дөөлөтүңөргө дөөлөт кошулсун, Көңүлүңөр көкөлөп толсун. Жүдөбөй жүзгө жеткиле, Өмүрдөн армансыз өткүлө. Оомийин!
Карылык жөнүндө накыл:
Улууну кичүү сыйламак, Атадан калган салт ошол: Улуу сүйлөсө, башыңды салып ук; Улууга өйдө карап сүйлөбө.
Кары – ырыс.
Кары – үйдүн куту.
Карынын сөзүн капка сал, капка батпаса арта салып атка сал.
Кары – ырым, балык – иримчил.
Улук болсоң – кичик бол.
Балаңдын ыйманын жашынан тиле.
Конокторду сыйлоо байбиче аркылуу болот.
Акыл менен карыгандан акыл үйрөн.
Башсызга бата бербе.
Жашың «мышка» кирди, башың кышка кирди.
Өзү карыса да сөзү карыбайт.
Жашты жарышка сал, карыны сөзгө сал.
Чалдын сөзү бал.
Картайганда кайталап, сөздүн курчу азаят.
Кары сөзү – дары
Карылардын сөзүндө кайыбы бар.
Карынын кеби – акылдын кени.
Карынын кеби кеп болот, калайыкка эп болот.
Чайырды көп чайнаса сагыз болот, карыганда көп сүйлөсө маңыз болот.
Чалдын көркү нускада.
Эр карыса да ой карыбайт.
Улуудан уялбагандан урмат күтпө.
Апа көркү ата менен.
Ата куну арыбайт, эне куну эскирбейт.
Атанын билеги күчтүү, эненин тилеги күчтүү.
Карысы бардын ырысы бар.
Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке.
Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.
Карыга– урмат, балага – кызмат.
Өзү карыса да көөнү карыбайт, көөнү карыса да сөзү карыбайт.
Карыны сыйласаң, кичүүдөн сый көрөсүң.
Карылыкка жетип, касиетке жетпеген жаман.
Кары бар жерде касиет бар.
Кары киши – үйдүн куту.
Акылман карыя – аккан дарыя.
Жаштыгын сактаган карыда жалын бар.
Калп сүйлөгөн карыядан касиет качат.
Кадыр туткан кары – жабыр тутпайт.
Каадасы жок карыдан кайрым күтпө.
Касиеттүү кары – осуяттуу.
Кары муун – дары муун.
Кары сыйлабагандын кадыры жок.
Карыны сыйлоо – касиет.
Карынын көз кубаты кетсе да, сөз кубаты кетпейт.
Карынын кайраты калкында.
Карынын акылы – жетик, көңүлү – тетик, каруусу кетик.
Баштагынын жашы болсоң, эмдигинин карысы болорсуң.
Батаны байкап бер.
Өнөр үйрөнүүгө карылык жок.
Сакалдуу киши жоого түшөрбү.
Сакалың өспөсө, сакалсызга күбө.
Картайганда кайталап, сөздүн курчу азаят.
Карт киши акылга бай, март киши доско бай.
Карыялуу үйдө – кут, кара бороон болсо – жут.
Карыя өз үйүнө – конок, одоно болсо жомок.
Көз карыса да көөдөн карыбайт.
Өскөн айылдын ичинде кемпир менен чал бар, өскөн төөнүн ичинде инеги менен нар бар.
Картайганда жан да таттуу, жар да таттуу.
Жетесиз жети уулуң болгуча, эстүү бир кызың болсун.
Уулуңду сөз менен эмес, өрнөк менен үйрөт.
Улуулуктун жолу татаал.
Карысын сыйлаган элде касиет бар.
Карыялардын акылын укпаган кайырчы болот.
Бакшы болуп кыйкырып, бакырсаң кетпейт карылык.
Карыга жигиттик кылган жарашпайт.
Карттын сөзү жерде калбайт.
Акылсыз карт өкүнүч менен картаяр, эстүү карт кайгырбастан картаяр.
Улгайган сайын азоолук кала берет.
Күчтөн калсаң да иштен калба.
Ата көргөн от жонот, эне көргөн тон бычат.
Ата сөзү – акыл, ага сөзү – асыл.
Атадан каргыш алган оңбойт.
Атанын сөзү акылдын көзү.
Атанын кеби балага, аганын кеби иниге,
Эненин кеби кызына, эженин кеби сиңдиге эм.
Ата-энени кыйган баладан абийир күтпө.
Ата – алтын түркүк, эне – үйдүн куту.
Ата-энесин сыйлабас өз уулунан кордук көрөт.
Атадан үч бала туулат: атадан кем бала, атага тең бала, атадан артык бала.
МАРКУМДУН ЗЫЙНАТЫ
Сөөк зыйнаты. Эркек кишилердин сөөгүн үйдүн оң капшыт (эр) жагына, зайыпты сол капшыт (эпчи) жагына коюшат. Өлүктүн үстүнө бир кадырлуу, кымбат баалуу тон жабылат. Ал тон дайыма өлүккө жабылып, түбөлүккө жүрө берет. Мындай тондор эч качан куда-сөөк, досторго берилбейт. Өлүктүн тушуна боз үйдүн сыртына чий же килем тартып, эшик түрүлүп коюлат. Өлүк өлөрү менен бүт айылдагы кишилер жапырт өкүрүп түшөт да, басылгандан кийин өлүк жаткан үйгө бардык баалуу буюмдарды көрүнөөгө чыгарып жыят. Үйдү тазалап, казан-аяктарды башка үйгө алып чыгат. Өлгөндүн үй-бүлөлөрүнө жакшы кийимдер кийгизилет. Көшөгө тартып, зайыптар, өлгөндүн кыз-келиндери, зайыбы ж. б. көшөгөгө тескери карап отурушат. Өлгөндүн зайыбы элечегин бузуп, ээгин ачып, башына кара жоолук салынат. Өлүккө келген эркектер жапырт өкүрүп, зайыптар үн тартып кошуп келишет. Өлгөндүн өз зайыбы, кыздары беттерин тытат. Эркек балдары, жакын туугандары колдоруна таяк алышып эшик алдында, өлүктүн тушунда өкүрүп турушат. Ар бир киши өкүрүп келген сайын зайыптар үн тартып кошуп, таякчандар өкүрүп турушат. Өкүрүп келгендерге бир киши колуна кумган, чылапчын алып беттерин жуудуруп турат. Эшикке көп кийиздер салынып, келгендер отурат. Бир канча үйлөр тигилип, коноктор киргизилет. Өлгөндүн зайыбы белине каткан кайышты чырмап байлайт. Муну «тасма» дешет.
Кабар айттыруу. Маркумга топурак салууга кабар айттырат. Кабар жеткирүү – ыйык парз. Адатта, шашылыш жөнөп, өз учурунда барып угузуу жоопкерчилиги жогору турат. Ушунун өзү, топурак салдырууга кылган далалат маркумдун баркын-кадырын арттырат.
Кабар айттыруудан ар кандай сөздөр жүрөт: «Мага кабар келген жок», «Мени илик албады, кабар барбады», «Кабар калпыс айтылып калыптыр», тескерисинче, «Кабар айттырсак келбеди», «Бир ууч топурагын аяшты», «Кабарын каттаган адамдан айттырыптыр». Акыйкатта, өлүктүн өз зыйнаты үчүн кабар так, даана келүүчүдөй, жүз көрсөтүп калуучудай болушу керек. Ушундан улам «Ал мага кабар айттырган эмес, мен да кабар айттырган жокмун», «Ал келбесе, мен барат белем» деген өңдүү ич ара кадимкидей атаандашуулар, соодалашуулар да бар.
Мында, маркумдун жакындарына кабар айттырууда оролун таап, акырын сыпаа-сылык угузуу зарыл.
Айыл үстүнө кабар айттыруу, анда айылда бир эстүүбаштууларына гана билдирет. Алар шартына жараша топтолуп алып барышат.
Айыл аксакалдарына атайын кабар беришет.
Угузуу. Бул – жамандык кабарды өзүнүн жөрөлгөсү менен бир топ адамдар топтошуп, билдирбей келип айтуу. Адатта, айрым көз караштардан да, түштөн да, айыл ичинин жүрүш-турушунан да жүрөк сезген учурлары бар.
Угузуу элибиздин эчактан келе жаткан салттуу көрүнүштөрүнөн аталгандыктан, мунун да алгылыктуу жагдайларын эл ойлоп тапкан. Комуздун муңдуу күүсү аркылуу да туюндурган. Ыр менен угузуу анын аброюн ого бетер көтөргөн. Мындайда угузууну да аттуу-баштуу адамдарга тапшырган. Ал кеп төркүнүн тогоп келип айткан.
Ырчыга ырчы угузуу, ыр аркылуу билдирүү салтканаркка айланган.
Жоктоо. Бул урматтуу адамынын көзү өткөндө анын мыкты сапаттарын, атуулдук ордун ыр же кошок түрүндө эскерүү. Адатта, аттан түшпөй, көпкө ал тууралуу арманын айтуу.
Жоктоо – көзү өткөн адамдын мурунку сын-сыпаттарынын баарын сүрөттөп берүү. Арийне жакшылардын көзү өтсө, карайлап жоктоо – ата салты. Анын мааниси, чоо-жайы терең.
Кошок – ырдын (поэзиянын) бир түрү. Кошокчу акын аялдардын илгерки сабатсыз кездеги ички муңун сыртка чыгаруусу. Кошок кошуу негизинен ургаачыларга таандык көрүнүш.
Кошок – кадырлууну жоктоо салтынын бир түрү. Анда маркумдарды терең урматтоо, «акыры биз да ушундай болобуз, ушундай зыйнат калтырсак» өңдүү тереңдик жатат.
Адам өлгөндөгү кошоктордо кайрылгыс сапарга кетип жаткандыктан, анда анын эли-жери, уругу ата-бабасы, мансабы, кесиби, үй-бүлөсү, балдары, алган жары жана башкалардан бери даңазасы артыла айтылган. Убайым ажалдын огу ушундай экени билинет.
Ал эми акындардын-ырчылардын сөөк көмөрдөгү атайын коштошуу ыры, өлгөн адамды кийин жоктоп келип түшүү салты да кошоктун катарына кирет. Ал өлүк зыйнаты болуп саналат. Илгери атактуу адамдар дүйнөдөн кайтканда айтылуу кошокчуларды ат менен алдырган. Белгилүү акындарга кошок жаздырган. Кээ бир кошокчуларды зайып ордуна кара кийгизип олтургузуп, ал адамдын сөөлөтүн, дөөлөтүн, мартабасын, кадыр-баркын арттыра айттырган.
Аза күтүүдө айрым ишараттар. Аза күтүү – маркумдун баа жеткис зыйнаты. Арийне, ар ким кандай урматтайт, кандай кылып узатат. Ал шартына жараша болот. АлаТоодой эт тартуу, Ала-Көлдөй чык кылуу менен ала-шала жеп-ичиш үчүн баруу – маркумду урматтоо эмес. Мында мусулмандар аны түбөлүктүү жайына узатууда эң эле жөнөкөй ишараттарды жасоосу парз.
Маркумга өзүбүздү таза тутуп, таза жуунуп-таранып, ал күнү арак-шарак ичпей, оозу буруксубай баруу аны урматтоо; эркектер баш кийимди ал күнү сөзсүз кийүүсү керек. Кыз-келиндердин жоолуксуз, шымчан, жеңи жок көйнөкчөн турушу өтө уят. Жоолукту чануу – ургаачылыкты чануу, эне адебин чануу. Илгери маркумдун күйүтүн кошо тартуучулар баш кийимди баса кийип, жоолукту чүмкөнө салынчу. Күндөгүдөй көрүнбөй аза күтүүнүн, каза жутуунун, күйүтүн тартуунун белгисин берүүсү.
Үчүнчүдөн, колду алдыга алып туруу керек. Көбүнчө эки колду артка албоо. Ал – керсейүүнүн белгиси. «Өзүмө өзүм теңмин» – дешти билдирип коёт. Маркумду ызаттооңуз келсе, ошол учурда бири-бири менен эбиреп-жебиреп, бирөөлөр тууралуу акаарат айтпоо, бардык ой-пикир маркумдун айланасында болуусу тийиш. Илгеркилер аза күтүүнүн белгиси эки колду жең ичинен алып томсоруп, тунжурап отурушчу.
Кайрат айтуу. Бул – башына күн түшүп, аза күтүп, казасы кара жутуп турган адамдын көңүлүн жубатуу. Салыштырмалуу санжыралуу сөз-кеп, накыл, насаат аркылуу ага дем берүү. Бир келип-кетүүчү жарык жана жалган дүйнөдөгү болмуштарды ырааттуу, ишенимдүү айтуу менен тигиге күч-кубат берүү… Парбардигерге тобо келтирүү. «Өлгөндүн артынан кошо өлбөйт» сымал жылуу сөздөр андай адамды жубаткан. Мурунку күндөлүк тиричиликти улантууга түрткү болгон. Күйпүл турмушка аралашкандан кийин бара-бара кайгы муң сууйт. Мындай адамгерчилик, боорукердик жагдайларыбыз элибиздин ынтымагын ырастайт. Азыр да кайрат айтуучулук, муңайымдуулук жөрөлгөлөрүбүз бар. Кээде: «Кайрат айтууга жарабады» деген таарыныч да пайда болот. Илгери кайратты айыл эстүүлөрү, сөз билгилери, кадырлуулары, катыш куда-сөөктөрү кеп оролун келтире, ийине жеткире айткан.
Аза күтүү. Өлүктөгү аза бул – оор жоготууга адамзаттын, айбанаттын катуу кайгырууга учуроосу. Мында кыйбас адамынан ажыроодогу ички дүйнөсүнө бүлүк салган учуру. Ушунун кесепетинен бушайман болуп, бүк түшүп калуусу. Тамакка ж. б. табити тартпоосу, бечара абалына келүүсү. Эч жан менен сүйлөшпөй, белди бекем курчанып, тебетейди баса кийип, өзүнчө оор абалга чалынуусу. Баамдоолордо ит да, төө да, ат да ушундай учурга тушугат имиш. Ээси өлсө, иттин каңгып кетүүсүн, ботосу өлсө, төөнүн боздоп туруусун аза күтүүгө, катуу кайгырууга жорушкан…
Мындай абалдан чыгуунун жандырмагы кайрат айтуу, акыл айтуу, аны айланчыктап камкордук көрүү, ой-санаасын тең бөлүшүү болуп саналат.
Маркумду коюуга катышуу. Маркумду коюуга катышуу, аны менен коштошууга атайын баруу – тирүүчүлүктүн парзы. Бул сооп тилөө, көңүлүн алуу. Эркектер өкүрүп барып түшөт. Ургаачылар үйгө кирээри менен атайын үн чыгарат. Маркумду кошот.
Кошок – өлүк сыйы.
Мында, таза жуунуп, жакшынакай кийинип баруу шарттуу, мүмкүн, катар жаназага турууга даярданып баруусу тийиш. Арак-шарап ичпей, акарат сөз сүйлөбөй баруусу абзел. Маркумдун жакшы сапаттарын, элге жаккан жактарын эскере берүүсү тийиш.
Маркумдун түбөлүктүү жайы. Бул – маркумдун түбө лүктүү жата турган үйү. Ага карата көрүлгөн бардык зыйнаттардын ичинен баа жеткис камкордуктардын башкысы – көрдү терең, кенен казып, ак кепиндеп, аруу жууп көөмп коюу. Буга мусулман пендеси ынтызар. Адам жан таслим берээри менен анын көрүн (мүрзөсүн) казуучулар дайындалат. Ал – соопчулуктун жеткен жери.
Көр казуучулар куралдарын алып, көрүстөнгө барышат. Абалы, жалпы арбактарга атап куран окушат, анан ылайыктуу жерди тандашат. Буга өлүк ээси сөзсүз катышат. Жакындарынын жанынан орун берүү парзы бар. Көрдүн экинчи түрү – жарма көр. Мында талаа-түздөрдө, жоокерчиликте, шашылыш шарттарда, көрдүн чарасын тереңирээк казып, батыш жаккы ыптасын сөөк баткандай өңүп, ошого коё турган. Кийинки чактары көпчүлүк техниканын жардамы менен төтөн, шаардыктар так ушундай көр казууну адатка айлантууда. А чынында, кол менен казуу маркумдун сообуна калуу, сооп табуу болуп саналат.
Маркумга ыраазычылык берүү. Бул – маркумду түбөлүк жатуучу жайына алып чыгарда, жаназа окуурда анын аласа-бересесин тактоосу жана ага элдин ыраазычылыгын алуусу. Анын жакыны бетме-бет карап: «Аласасы болсо, менден алгыла, бересеси болсо, мага бергиле» – деп, үч курдай айтат. Ошондо маркумдун аласа-бересеси такталат.
Адатта (айрым жерлерде ар башка болушу ыктымал), алып чыгары менен: «Баланча кандай адам эле?» деген суроо үч курдай берилет. «Жакшы адам эле», «Момун адам эле», «Элдик адам эле», «Жоомарт адам эле» сымал жооптор угулат.
Кыргыз ата өлүктү жаман деп айтпаган. Аны урматтап коюу – тирүүлөрдүн вазийпасы.
Үн чыгаруу. Бул – дүйнөдөн кайткан адамдын үйүнө кыргыздардын өкүрүп, аттан түшүү зыйнаты. Бала-бакыраларынын эртели-кеч маркумду эскерип жоктоо, кошок кошуп туруу салты. Өлүк үчүн өлүк чыккан үйгө назар таштоо вазийпасы, жүз көрсөтүү. Дасторкон көтөрүп, куран окутуп келүүдө аялдардын да үйдөгүлөрү менен кошулуп жоктоолору. Айрым учурларда мындан өлүк коюлгандан кийинки мезгилдерде «Өкүрбөй келип түштү», «Оо, о деп үн катып койбойт, андан бирдеме болобу?» өңдүү таарынычтар да пайда болгон. Албетте, тирүү пенделер мындай уяткарып коюлардан сырткары болуулары тийиш.
Маркумга мал союу. Маркумду урматтоонун эң башкы зыйнаты – ага атап мал союу. Ал кыргыз-казактарда катуу салтка айланган. Эгер шарияттын көп жолун катуу тутуучу жерлерде, тескерисинче, ошол өлүк чыккан үйдө үч күн эчтекенин жыты искелбей томсоруп, аза күткөндөй болуп турушу шарт. Маркумдун күйөрмандарына, жакындарына тамак-ашты башка үйлөрдөн даярдап берип турат. Кара кийинип (айрым аймактарда, анжияндык кыргыздарда көк кийинип) каза жутуп жаткандар үчүн чыныгы аза күтүү мына ушундай болуп саналат. Тооташты аркалаган кыргыздарда (аркалык кыргыздарда) өлүк канча күн жатса, ошончо күн конокторун коноктой берүү ырасмиси жедеп алымдуу жөрөлгөгө айланып калган, маркум жан таслим болгон күнү анын коногуна деп, бир кой соёт. Ал ошол күнгө өлүккө катышкан өз жергежээктерине, кирди-чыктыларга тартылат. Кыргыздарда жылкы союуну алымдуу карайт.
Малды арбын союу берилген кабарга, келүүчүлөргө карата, ал адамдын атак-даңкына жараша да болот, «өлүк бардын байлыгын чачат, жоктун этегин ачат» дегендей, бардарлар мындай учурда башкалардан бөлөкчөрөөк көрүнүшү үчүн колдон келгендерин төгөт.
Атактуулар, журт мыктылары каза тапканда өлүктүк чыгымды жалпы элге чачкан. Урук, уруу билермандары чогултушкан, же конок алышкан. Топурак салууга туштараптан келүүчүлөр милдеттүү конок болушкан.
Кара аш – өлүк өлгөндө кара аш конок ашы деп малдар союлуп, көп аш-тамактар даярдалат. Өкүрүп келгендерге үзбөстөн чай ичирилип турулат. Көп кишилер өлүк өлгөн жерге конуп, аларга эт тартылат. Эрте таң атарда өлүктүн ага-туугандары бүт бир өкүрөт. Муну таңкы өкүрүк деп коюшат. Кара аштан өлгөндүн үй-бүлөлөрү бир да жебеген.
Сөөк жуудуруу. Бул – маркумду көргө коёрдун алдында денесин тазартуу. Албетте, өлүктү урматтоо ырасмиси илгертен эле кыргыз элинде бар. Сөөк жууга абалы куда-сөөктөрү, дос-тамырлары, анан анын теңтуштары кирген. Маркумду «ак кепиндеп, аруу жууп» акыретке узатуу милдети турат. Алардын кандай жуурун, кай тараптан баштарын, ымам же молдоке айтып, жол-жоболорун көрсөтүп, көзөмөлдөйт. Жуугандарга маркумдун кийинкилерине калтыруучу табариктери ж.б. анын баш кийимдери, барктуу буюмдары болуп саналат. Өлүктү бир канча кишилерге сөөгүн карматып жуудурат, 4–9 кишиге чейин. Сөөк кармагандарга өлүктүн кийимдерин жана башка чапандар да берилет, муну «өлүк тон» деп айтылат.
Ар бир урууга «мүчө» деп мал, чапан, акча ж.б. берилет. Бул «мүчө» деп аталат.
Кошумча-өлгөндүн куда, достору, туугандары кошумча кошушат.
Дооран. Дооран берүү элдик салт эмес, диндик адат. Доорандын максаты өлгөн кишини «күнөөсүнөн» куткаруу. Доорандын акысын молдолор алат.
Маркумга топурак салуу. Мусурманчылыкта атайын кабар айтылган соң, ал жакынбы, алыспы, туугандык жайы кандай, ага карабай барып топурак салуу парзы жогору турат. Ошол жерден башка тарапка бурулбай, кайра кайтуу салты сакталган. Т.а., өлүк өлгөн жерден оорулууларды барып көргөнгө, ал-ахыбалын суроого, «баланчага топурак салганы келдим эле» деп ооруп жатканга айтууга болбойт. Ага ал сөз катуу тиет.
Маркумга топурак салуу үчүн көрүстөнгө багыт алууда бул жарык жана жалган дүйнөдөн көчүп бараткан адамдын соопчулугу башкы максат болот. Албетте, ара жолдо баратканда анын кыял-жоруктары, жекече сапаттары, иштери ж.б. жолдошторунун эсине түшөт. Өлүк ээси ошончо адамдардын келишине, топурак салышына жетине албайт. Маркумду жайына коюп, ички жол-жоболорун жасаган соң, ар бир адам колуна топурак кочуштап оозуна алып барып «сообу тийсин» деп багыштайт да, сунган күрөккө салышат.
Ошол бир ууч топурак үчүн пенделер алыс-жакындан атайын барышат. Ал маркумдун тегерек-четине чачылат. Баары топурак салгандан кийин, казанак оозу бекитилет.
Топурак салуу. Ошентип, ар кимдин эндей топурагы төгүлөт, бирөөл өрдүн «мен үчүн топурак салып кой» деген аманаттары аткарылат. Маркумдун жаткан жайына далил ташы чачылат. Эгер ал молдо болсо, өзүнүн керээзи менен куран китеби башына коюлат.
Маркумга милдеттүү топуракты салгандан соң, баргандар көрүстөн аралап, башкаларга бата тилеп кетпөө керек. Бардык дит ошол маркумдун тегерегинде болуу зарыл.
Маркумдун үчүлүгү жана жетилиги. Адатта, маркумдун зыйнатына байланыштуу көп эле ырым-жырымдар бар. Баамдоолордо, мындай көрүнүштөр башка диндерде да кездешет. Маркум жерге түшүп, «кара ашы» берилип, кураны окулары менен кечинде союлган малдын баштарын ж. б. эттеринен салып, үчүлүгү берилди болот. Ага эл аз чакырылат. Кошуна-колоңдору гана кирет. Атап куран дубасы жасалат. Ал эми «жетилиги» ага караганда жоопкерчилиги бир аз артыгыраак көрүнөт. Эл арбыныраак чакырылат. Кары-картаңдар эске алынат.
Аза-бата кылуу. Бул – маркумга сый-урмат көрсөтүүнүн бир жагдайы. Жакындары, куда-сөөктөрү, кайынжурттары, дос-тамырлары, алды-берди барлары, маркумдун ээсине өзүнчө жай айтууга, кайрылып атайын куран окутууга, алакан жаюуга, бата кылууга кыргыздардын мурун мал жетелеп баруусу, шартка карата кийин акчатыйын сунуусу, кездеме-кече коюусу. Алып барган байлык аркылуу маркумдун арбагын сыйлоосу.
Демек, «аза-бата кылуу» аттуу түшүнүгү бара-бара жоюлуп баратат.
Тул салуу – өлүктү коюп, майда-чүйдө кызмат зыйнаттары бүткөрүлгөндөн кийин өлгөндүн үйүн абдан жасап, асыл буюмдардын бардыгын көрүнөө жыйып, бир тул жасап түндүктөн чыгарылып коюлат. Муну «тул салуу» деп айтылат. Тул салуулар эң чоң бий, чоң байларда гана болот.
Өлүктүн үй-бүлөсү (үйү) көчкөндө ар бир айылга жакындаганда бүтүн зайып, кыздар үн тартып кошот, айылдар суусун алып чыгып баарына жуткурат. Өлгөндүн зайыбы кара нерседен кап сыяктуу кылып башына салынган, муну «кара салынуу» деген. Бул адат XIX кылымдын 60-жылдары ченде жоюлган. «Башы каралуу, бети жаралуу» делген.
Маркумдун жылдыгын белгилөө. Чынында, бул үрпадат кийин чыкты. Маркумдун жантаслим болгон күнүн – жылдыгын белгилөө. Бала-бакыралары алыс-жакындан келишип, атайын чогулушат. Аны эскерип куран окутууга дасторкон жайылат, мал союлат. Мындай жосун бардардыктан келип чыкты. Маркумдун чоң ашын берүү менен анын милдетинен тирүүлөр кутулат. Орозо айтта гана мал мууздап, ага арнап кан чыгарууга, куран окууга ылаажы бар.
Жай айтуу. Бул – жашоо-тиричиликтеги жамандыкжакшылыкта санаалаштардын ич ара катышы. Барлардын, илик-жармалардын бири-бирине өткөрө турган мамилеси. Иш жүзүндө, сөз жүзүндө көңүлүн жубатуулары, бирдемелерди ыроо кылуулары. Таарынып, ичинде туюп калбоого кылган далалаттары.
Маркумдун бейит башына баруу. Адатта, маркумдун 40 ашы берилгенден кийинки милдет – анын жайында бейит башына баруу парзы. Буга көбүнчө күмбөз тургузуу, коргон салгандан соң даярдык көрүлөт. Андыктан мал атап, көрүстөн үстүндө мууздайт же этин бышырып алат. Боорсок жасалат, татымал төгүлөт. Кымыз көрөңгөлөтөт. Көрүстөн үстүндө самоор кайнатылат. Дасторкон жайылып, арбакка арнап куран окулат. Чай, кымыз ичилет. Эт ж.б. тамактар желет. Кайрадан арбактарга куран окулат.
Куран түшүрүү. Маркумдун кыркын бергенде молдолор жыйылып куран түшүрөт. Молдолор куран акыларын алышат. Атактуу молдого өлгөн кишинин аты, ээр токуму менен берилген.
Жыртыш айруу. Маркумга карата көрсөтүлүүчү зыйнаттардын бири: элүүдөн ашкандан кийин жан таслим болгондорго төрт чарчы кездеме айрып, маркумга келүүчүлөргө тартуусу, алуучу жыртышты үйүндө ага атап, куран окуп же окутуп туруп, бир керегине жара туусу.
Кара ашына ат чабуу (көр байге) – өлүктү койгон күнү ат чабылат. Тогуз атка байге сайылат. Берилген байге «көр байге» деп айтылат.
Өлгөндүн зайыптары, кыздары ар күнү эрте менен, түштө, кечинде үн тартып кошуп ыйлайт.
Суу ууртатуу – өлүк өлгөн үйгө тууганы, дос, сөөктөрү ж. б. мал союп келип тамак ичирет, муну «сууну ууртатуу» деп айтылат.
Ыскат, буракат – өлгөндүн атына ээр токумун токуп, жайнамаз жана кумган, идиштерден, бардыгынан бирден молдого токуп берилет. Дооран деп да бир топ мал, булду бечараларга берет. Өлүк өлгөн күндөн үч күн өткөндөн кийин «үчүлүгү», жети күн өткөндөн кийин «жетилиги», кырк күн өткөндөн кийин «кыркы» делип, мал союлуп элге берилип турулат. Молдолорго куран окутулуп турулат.
Аза күтүү – өлгөндүн бир тууганы, баласы чачын, тырмактарын алдырбай, кирлерин жуудурбай, күлбөй, чакырбаган айылдарга барбайт. Зайыбы эшикке чүмкөнүп чыгып, чоочун кишини карабай, тескери карап отурат. Зайыбы арык болуп, бетин тырманып күйбөсө анда чоң сөзгө калат. Зайыбы арыктоо үчүн кыл аркандын үстүнө жатат.
Маркумдун доораны – жаназасы. Бул – маркумдун артындагы ар кандай вазийпаларды молдолордун аткаруусу. Анын күнөөлөрүн, адалдыктарын-арамдыктарын өз моюнуна алып, куран-далил ташын түшүрүүлөрү, м.а. маркумдун түбөлүк жайында тынч жатуусу үчүн ага тирүүлөрдүн көрсөткөн зыйнаты.
Маркумдарды урматтоо. Бул абалтан берки салт. Эстеликтер, коргондор, күмбөздөр бара-бара тарыхый мурастарга, керээздерге айланат. Алар ыйык тутулат.
Ошол көрүстөндөр маркумдардын түбөлүктүү жайы катары тирүүлөр тарабынан таазим этүүгө, куран окуй өтүүгө ылаажы болгон. Көрүстөндү, күмбөздү, коргонду эш тутуп, маанектей барып жатуу тирүүлөрдүн салты болгон. Көрүстөндү, күмбөздү, коргонду карап даарат албоо, заара ушатпоо, «жер жамандап барбасын» деп, көзү өткөндөр тууралуу акаарат сөздөрдү айтпоо тирүүлөрдүн вазийпасы, адеби, ыйманы болуп саналат.
Кошумча селбик. Киши өлүп аш берсе, же келин алып, калың төлөп каржалса, же болбосо той берип, чыгымдар болсо, же доо тартып айып төлөсө, андай кишилер куда-сөөгүнөн, дос-тамырынан, тууган-туушкандарынан кошумча сурачу. Алардын кошкон кошумчалары селбик болуп калуучу. Андай өз убагында кошумча селбик алган кишилер кошумча кошкон кишилерге кийин зарыл болуп калган учурда, жооп иретинде кошумча кошуучу.
Аш берүү. Өлүк өлгөндөн бир жылга жакындаганда аш берүүгө даярдык көрүлүп, элге кабар берип, ашка чакырылат.
Илгери аш берүү анын атак-даңкын чыгара өткөрүүгө урук, уруу жапа тырмак аттанган. Буга өкүмчүлүк жашоо өзү эле моюн сундурган. Аш берүүдө эл-журт чабылып келген. Анын союшу өзүнчө, коюлуучу байгелери өзүнчө чогултулуп, чыгымдары өтө көп боло турган.
Аштын атак-даңкын эл чыгарган. Анткени ошончо чыгымдарды жумурият жонуна көтөргөн. Алар билермандардын айткандарын, дегендерин эки кылуучу эмес. Ал тартип катуу сакталган. «Көп түкүрсө көл болот» – дешип, эл-журт жер майышкан салыктарды аткарууга чыдашкан.
Аш берүүдөгү ата-бабалардан бери ар-намыс, уруулук атаандашуулар, текердешүүлөр жогорку чекке жеткен.
Аш бере турган уруу чоң даярдык көрүп, союш, аш тамактарды мол даярдайт. Аштагы ар түрдүү ырым, салт оюндарына берилүүчү байгелер да дайындалат. Эң көп кемегелерди казып даярдап, үйлөрдү тигип, ашка келген конокторду күтөт.
Ашка чакырылган эл келгенде тигилген үйлөргө түшүп, конок алынат. Ашка келгендер да кошумчаларын алып келишет. Ашка келгендер күлүк аттарын таптап, байлап семирткен аттарын, баатыр, балбандарын камдап келишет.
Аш берген киши ашка келген конокторду күтүүгө бүтүндөй милдеттүү болот. Ашта балбан күрөш, жамбы атуу, эр сайыш, ат чабуу, төө чечиш ж. б. салт байгелер жасалат.
Жарчы (ырчылар) аштын тартибин айтып жарыялап турушат.
Жакшы кошокчулар атайын дайындалып келип мактоо кошокторду айтышат.
Кемеге – кемегенин башына эң көп мал союлуп, кемегеге деп ат чабылат. Тогуз атка байге сайылат. Кемегеге союлган көп малдын эттерин бышырып, ашка келген элди жапырт түшүрүп табак тартып куран окутулат. Кай бир чоң аштардын эттерин туурап да тартышат. Койдун белинен эки бөлүп туюк бышырып эки эле табакка салынып тартылууну «кабылы» деп айтылат.
ХIХ кылымдын 60-жылдарынан баштап кемегеге эт салып эт тартуу адаты калып, эл конокко бөлүп алуу адаты келген. Ашка келген элди аш ээсинин туугандары конокко бөлүп алып, ар бири өзүнчө кой союп конок тошкон.
Балбан күрөш салты – эки урууга балбан күрөш берилет. Бир топ мал байгеге сайылат. Балбандар күрөшүп, жыккан балбандын эли балбан көтөр кылып балбанды көтөрүп кетишет. Баш аттоо айып болот.
Ырчы (жарчы) – ашта, тойдо ырчылар боло турган тамашаны жана аштын жүрүшүн жарыялап ырдап турушат. Ашта жарчы болгон ырчыга жабуулаган бир жакшы атты биротоло мингизип, үстүнө баалуу бир тонду кийгизет. Башка ырчылар да тулга ырдап өбөлгөлөрүн алышат. Ырчылар ашка келген бий, байларды мактап ырдашат. Алар да ырчыларга жакшылап беришет. Эки ырчы айтышкандары да болот.
Таз чабышуу – эки уруудан эки таз чыгып сүзүшүүгө жар салынат. Эки таз чыгып сүзүшүп, жеңгени байгени алат. Эки таз өпкө менен да чабышат.
Төө чечиш – жерди орточо казып, түбүнө казык кагып, бир жакшы төөгө килем, кымкап жаап, шурудан буйла тагып байлап коюлат. Ким болсо да, бир зайып жыпжылаңач ортого басып келет. Зайыптын аркасына жибектен чачпак салынат. Зайып көпчүлүктүн ортосуна басып келип, санын шапалактап чаап сөздөр айтат: «Манас, Коңурбайларды тапкан мен өзүм» – деп жана өз бетиндеги бийлер, баатырлардын аттарын атап, «бардыгын мен тапкамын» деп айтып, абдан эңкейип туруп төөнү чечип алып, кымкапты кийип алып басып кетет.
Эр сайыш – эки даңктуу урууга сайыш берилет. Эки уруу даярдап келген эки баатырын ат, кийимдерин, зоот, чопкуттарын шайдоот кылышат. Катырып даяр кылган жыгач найзалар да даяр болунат. Баатырларга бетке, моюнга сайышууга уруксат кылынбайт. Чоң баатырларга, такоол, жолдош кылып экиден төрт баатыр чыгарылат. Баатырларды уруунун аксакалдары коштоп чыгып беттештирет. Баатырлар ыраактан качырышат. Бир канча найзалар кыйрап сынат, акыры бирөө сайып аттан түшүрөт. Сайган баатырды коштоп «ураан чакырып» алып келинет. Кай убактарда сайылган баатыр өлүп да калат, өлгөн баатырга кун болбойт. Баатырлардын байгелери төө баштаган бир тогуз жылкы болот.
Жамбы атыш – жамбы 5 кадак күмүш болот.
Эң бийик кылынып шыргый орнотулуп, башына чоң кулактуу жамбы бекитип байлап коёт. Каалаган кишилердин бардыгы мылтыктарын октошуп, ыраактан чаап келип жамбыны атып өтүшүп турушат. Жамбыны ким атып түшүрсө ошол алат. Жамбы атып түшүрүлбөй калса ээсине калат.
Ат чабуу – чоң аштарга тогуздан киши кул, күң, миңден жылкы, миңден кой, жүздөн жамбы ат байгеге коюлат.
Аттардын куйруктары, көкүлдөрү түйүлүп, ат чапкан балдардын баштары кызыл жоолуктар менен буулуп, кызылдан кийгизип, аттарды ортого салып, ары-бери чубатылат. Аттарды колуна туу алган бир канча кишилер айдап кетишет. Коно айдаган убактар да болот. Балдардын башындагы жоолук, кийимдерин аш берген кийгизет. Эң четке кеткен сүрөөчүлөр «учтан сүрөөчүлөр» деп айтылат. Сүрөөчүлөр өз ураандарын чакырып сүрөшөт, аттын баарын токтоочу жерине туу сайып коюлат, ал «Сөөрө» деп айтылат. Сөөрөдө аттарды тактап санап өткөргөн киши «даекчи» деп айтылат. Даекчи чыккан жана андан кийинки аттардан тиешелүү даекти алат. Байге коого киргизилет. Чыккан атка коо бузган күлүк деп наам берилет.
Кай бир убактарда аттар ачык чыкпастан талаш кирип чоң чатактар болгон. Жолдон ат кошуу да чатактары болгон. Кайсы бир аштарда аттар да, балдар да өлгөн убактар болот. Аттын байгелерин уруунун аксакалдары бөлөт. Соогатчылар соогаттап алышат, ырчылар ырдап, мактап алышат.
Кайсы бир убактарда кедейдин аты чыгып байыган учурлар да болгон.
Ат чабылгандан кийин аш тарайт. Өлгөндүн балдары, туугандары, куда, достору, бир уруу бүт бойдон тулга өкүрүп дүңгүрөп түшүп, тууну жыгып, жыгачын отко жагат. Тулду жагат.
Жесирдин карасын алуу. Аш берилип эл тарагандан кийин эри өлүп, кара кийип тескери карап, аза күтүп отурган каралуу катынды аялдар аш бышырган кемегенин жанына алып келишип, башындагы карасын кемегедеги отко өрттөп: «Эриңдин топурагы торко, жаткан жери жайлуу, арты-кийин майлуу болсун» дешип, кемегеге май куюп, ырым-жырымдарын кылып туруп, каралуу катындын жазылган чачын аркасына эки бөлүп өрүп, анан ак элечек орошот да:
– Мындан кийин ак элечек башыңдан түшпөсүн дешет, аялга бата беришет. Ошондон тартып каралуу аялдын башынан карасы түшөт. Эшикке кирип-чыгып мурдагы калыбына келе баштайт.
Аштан кийин. Аса күткөндөрдүн да чачтары, тырмактары алынып, кирлери жуулуп коюлат. Мындан кийин куда, достор өлгөндүн зайып, балдарын чакырып, баштарына ак жоолуктар салып, кийимдер кийгизип, аттар мингизет. Өлгөндүн үй-бүлөлөрү кадимкидей эл аралап оокаттарына киришет.
Эрге тийүү – өлгөндүн тул зайыптары аш берилгенден бир жыл өткөндөн кийин эрге тийүүгө акылуу. Өлгөндүн белгилүү бир туушканы же ага-ининин балдары алат, башкага берилбейт. Жакындан алары болбогондо зайып төркүнүнө берилет. Төркүнү эрге берет.
Зайыпка да аш берилет. Чоң бий, байлардын зайыптарына чоң аштар берилет, бирок эркектердикиндей даңктуу боло албайт. Зайыптарга жыртыштар, ийне, жиптери берилет. Карыган абышкаларга да өлүм үстүндө жыртыш берилет.
Уруу намысы – кыргызда уруу намысы эң бир нык коюлган. Мисалы, уруудан бир кишинин сөздөн сынышы, кор болушу, абийир табышы, намыс алышы, намыс кетиши урууга тиешелүү болгон.
Бир уруудан бир кишинин акысы башка урууга кетсе, же башка уруу уруп койсо, же өлтүрсө андай иштерди бүтүн уруу башына туруп доолашкан. Бир киши ууру кылса, эр өлтүрсө айып менен кунду бүтүн уруу төлөп куткарган.
Байыркы жоосун. Атактуу киши өлсө, эл жыйылганча беш-он күн сактап турган. Жаки аманат деп коюп, бир канчалык убакыт өткөндөн соң башка жерге которуп көмгөн. Жоодон өлсө, этин шылып таштап, сөөгүн жерине алып барып көмгөн. Атактуулардын өлүгүн көп убакыт жашырып көмгөн. «Эгерде кар жилигин душман алып жерге кагып койсо, анын тукумунан атактуу киши чыкпай калат» деген салты болгон. Атактуу кишинин көрүн жоокер киши ичине найза алып тегеретсе, тийбегендей кылып кең казган.
Тул салуу. Байыркы замандан бери түрк элдеринин кээ бирлеринде өлгөн эркектин кебетесине окшотуп жасалган тулку. Тулкуга өлгөн адамдын тебетейин, кийимин кийгизип, аялына кара кийгизип, тулга отургузуп коюп, бир жыл күнүнө үч убак ыйлаткан. Бул салт кыргыз элинде күчтүү болгон. Адамга окшотуп тулку жасоо өтө байыркы заманда болгон түрү бар. Кийинчерээк тулку жасабай эле өлгөн адамдын кийимин төрдөгү ала баканга илип коё турган болгон. Көчкөндө өлгөн адамдын атына ээрин токуп, жетелеп жүрө турган.
Мындай ырым өтө эле атактуу адамга иштелген. Тул салуу – Сибирь элдеринде да болгон. Ал тургай байыркы түрк жазууларында айтылат.
Тул деп кийин жесир катынды атай турган болуп калды. Тул катын – жесир катын деген мааниде. Эл адабиятында «тул салуу, тулга отургузуу» сыяктуу сөз айкалыштары али да болсо көп учурайт.
Аза-ашка баталар. Кыргыз маданиятынын үзүктөй бир парчасы өлүм узатуу маданияты болуп эсептелет. Кыргыздын кыргыз болуп аталып келишин сактап келе жаткан өзгөчөлүктүн дагы бирөө как ушул өлүм узатуу маданиятынын өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүгү болгонбу деген ой келет. Дегинкиси, кыргыздарда өлүм узатуу, сөөк чыгаруу салты өзгөчө алкактар боюнча өнүгүп, кандайдыр бир адамдын улуулугун өлүм зыйнаты менен көрсөтүп коё турган бийиктикке алып барып жеткирген.
Кыргыз тарыхындагы дин ишенимдери, доордун салттарына жараша киши өлгөндө аны жерлигине коюу адаты да ар түрдүү болгон. Эң эртеде, кыргыздар өлүктү бийик тоолорго алып чыгып, серечеленген жыгачтардын үстүнө коюп, эт менен сөөгү ажыраган соң анан сөөктү жерликке койгондугу жөнүндө баяндар айтылат. Дагы бир баянда «сөөктү этинен ажыратып кырдырып, кымыз менен жуудуруп» («Манаста») сөөк коюу салты болгон. Азырга чейин кыргызда «өлүк» чыгарды дебей «сөөк чыгарды, сөөгү менен коштошту, сөөгүн койду» деген сөздөрдү иштеткенине караганда, кыргыз түшүнүгүндө адамдын түбөлүктүү нерсеси «сөөгү» болот экен. Кыз берип, кыз алганда да «сөөк бердик, сөөк алдык» дешет. Майнаптай караганда, кыргызда «жан чыгып кетет, эт чирип калат, бирок сөөк түбөлүк болот» деген түшүнүктөн улам, адамдын сөөгүн кастарлоо адаты калыптанып калган түрү бар.
Ал эми сөөк узатканда, эч качан «жөнөкөй көөмп коюу» болбогон. Тээ атам замандан келе жаткан бир сыйра «өлүмдүн зыйнаты» өткөрүлүп, «ыйы жана сыйы» менен даң-дүңү боюнча өткөн. Ыйы – күйүт. Жакындары күйүтүнө кошок кошуп какшанып отурса, ошонун дагы бир жагында сый ашы өтө берген. Кыргыздын ушул ыйы-сыйын бирге ала жүргөн салтынан өтө кеңпейил, чыдамкай инсандар экенине ынанып калат. Ушул ый-сый каадасында бүт эле бата айтуу, ак тилек менен көңүл айтуу салты кыргызда аябай бекем калыптанган. Өлгөндөргө «бата кылып коёлу, бата кылып келдик» деген сөздөр «жубатар тилек айттык, ыраматылыктын боюна ак бата айттык» деген маанилерди берип келген. Ошого өлүмдүн каадасы да бата, тилек сөздөр менен келген дээр элек.
Ашын бергенге бата. Аш берүү кыргызда кара ашын берүү жана жыл ашын берүү деп эки чоң аш берүү болгон. Кара аш дегенде өлүктүн сөөгү жерлигине коюлгандан кийин, анын өлүм зыйнатына берилген маараке (тамак), анын рухуна арналган «бата алып берүү, бата кылдыруу» болгон. Болуп да жашанган адамдардын кара ашы, жыл ашы «той катары» салтанаттуу берилген. Кыргыздардын тоюнда өткөрүлүүчү элдик маараке шөкөттөрү менен коштолгон. Бодо, жандык союлган. Ошол союштарга, дасторкондорго бата берилген. Берген аш кабыл болуп, калган перзент, урук-тууган, күйгөндөрү аман-эсен болуусун тилеп, эл-журт бата берген. Ошону менен берген аштын корутундусу чыккан. «Аш бергенге бата» деген баталар мына ошол аштын союшуна кылган баталар жана ал ашта салган дасторконго берген баталарга карата айтылат. Аш берүүчү ар кайсы баталарды тике туруп кабыл алган.
Бейит бекиткенге бата. Жерлигине койгондон кийин көбүнчө жыл ашын да «бейит бекитүү» салты калыптанган. Мында сөөк коюлган бейитти «көркоо түлкү» ачып койбостугу, жаан, суу кирип кетпестиги үчүн бейиттин чөйрөсүн таш жана кил ботолор менен катырып, коруктап, анан ага эстелик таштарды коборгон. Мына ошол кезде жасалган жумуштарга, ага кызматы өткөн бала-бакырасына бата берилген.
Бейит башына бата. Өлгөн адамдын перзенттери, күйөрмөндөрү дайыма бейит башына барып бата кылып турган. Ислам дини киргенден кийин «жай башына куран окуу» дегенге алмашылган. Жай башына, бейит башына бата кылганда, көбүнчө өлгөндүн рухуна арналган тилек, жубатар сөздөр, «жаткан жериң жайлуу болсун» деген каалоолор болуп эсептелет.
Карасын түшүргөндөгү бата. Жыл ашы берилип болгон соң «карасын түшүрүү» каадасы өтөт. Ошондо жакындары «каралуулардын» мурдагы аза күтүп кийип жүргөн киймдерин чечтирип (көбүнчө аялды төркүндөрү) жаңы кийим кийгизет. Кыргызда илгери «тул салуу» салты болуп тулу алынганда да анан карасы түшүрүлгөн.
Аза күтүүдө «тул салуу» салты мындай болгон: кыргыздарда үй ээси болгон эр киши өлүп кетсе, анын кебетесин чопо, таш, жыгач сыяктуу нерселерден сомдотуп жасатып, тирүү кезиндеги кийим-кечесин кийгизип, өргөөсүнүн төрүнө отургузуп койгон да, ал эр кишинин катыны ошол «тул» кебетенин алдында бет карай отуруп ый зыйнатын бүтөп кошок кошуп отурган. Ал ошол «тулдун катыны» болду деген түшүнүк боюнча, «тул катын» болуп аталган. Ошол тул салган үйгө өлгөн кишинин тапкан дүнүйөсү көрсөтмөгө жайылып коюлган. Ал буюмдар «тул дүнүйө» деп аталган. Өлгөн кишинин аты жал-куйругу кыркылып, ээр токулуп, ал кишинин тирүүсүндөгү тутунган ат жабдыктары бүт эле ээрге бөктөрүлгөн. Мындай ат да «тулдун аты», «тул ат» деп аталган да, көчкөндө жетеленип, эч ким минбеген.
«Тул» өлгөн адамдын жыл ашына чейин турган. Жыл ашынан кийин, «тул алынды» болуп, катындын карасы түшүрүлүп, тулга коюлган буюмдар жыйыштырылган (бала-бакырасы бөлүп кеткен). Тул алынгандан кийин катын «жесир» деп аталган.
Айтмакчы, кыргыздарда «тул салуу» салты тээ эртеден башталган түрү бар. Андай дештеги себеп, кыргыздардын ата-бабалары эртеде жашаган Энесай өрөөнүндөгү кыргыз көрүстөндөрүндө «моло таш» деп аталып келген таштар адам кебетеси түрүндө сомдолуп, бетине кишинин түспөл сүрөтү, эстелиги чегилген. Бул көр башына коюлган «моло таштар» («эстелик таштар» деп да аталат). Үйгө коюлган «тулдун» көр башына коюлган «тул» түрү окшойт. Ал көрүстөндөрдүн үстүнө коюлган эстелик таштарды «тул таш» эле десек болчудай деген ой келет.
«Тул салуу салты» кыргыздардын билим кампасы болгон «Манаста» да кеңири баяндалат. Демек, аза күтүү маданиятыбыз «Манас» ичинде бизге жеткен.
Назырга бата. Аш берүү кийинки заманда кошумчаларга тушукту. Диндик көз караштардан улам арбактын рухуна «назыр берүү» кирди. Назырга союш союлуп, элге дасторкон жайылды. Мына ошол назыр.
Көңүл айткан сөздөр. Арты кайрылуу болсун.
Арты майлуу болсун.
Өмүрүн балдарына берсин.
Кайгырбагыла, ыйлаган менен табылбайт, кайрат кылгыла, бала-чаканын өмүрүн тилегиле.
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун.
Арты жарашсын, бала-чакасын колдой жатсын.
Маркумдун топурагы торколуу болсун.
Маркумдун бейиши болсун.
Бала-чакасын арбагы менен колдой жатсын.
Ыйлабагыла, кыска тарткыла, тообо деп балдардын, артында калгандардын өмүрүн тилегиле.
Аш бергенге бата
Чарыяр болсун достошуң, Мухаммед болсун коштоочуң. Кыдыр болсун жолдошуң, Улукман болсун курдашың.
Мүдүрүлгөн жериңде, Жети олуя, жети пир,
Керемети менен колдосун.
Көңүлүнө алган талабыңды, Бир жасаган кудайым, Кудурети менен оңдосун.
Улууларды сыйласаң,
Боло берсин болбосун,
Толо берсин толбосун.
Таңда макшаар күнүндө,
Бурак болсун мингениң, Жибек болсун кийгениң.
Үрлөр болсун сүйгөнүң,
Ошол убакта билесиң,
Бул күндө берген ишиңдин, Батасынын тийгенин.
Малыңдын көр пайдасын, Башыңдан багың тайбасын. Оомийин!
* * *
Намысың колдон кетпесин, Касташканың талабына жетпесин.
Кеткениңдин топурагы торко болсун. Караңгы көрү жарык болсун.
Мингени дулдул бурак болсун, Жүргөнү бейиш-жумак болсун.
Арбак ыраазы болуп, Кемигениңди бир Алла толуктап, Азан-казан ортоң толсун. Оомийин!
Бейит бекиткендеги бата
Арты кайырлуу болсун, Калган өмүрүн балдарына берсин.
Арты майлуу-сүттүү болсун.
Жаткан жери жайлуу болсун. Оор топурагы жеңил болсун. Жакканы чырак болсун, Бакканы бурак болсун.
Караңгы көрү чырак болсун, Кудай өз дарегинде күнөөсүн кечсин.
Жаннаттан орун берсин. Оомийин!
Бейит башына бата
Теңирим өзү колдосун, Олуялар оңдосун.
Дүйнөдөгү изгилик, Алдыңдан чыгып колдосун. Тар кабырың кең болсун, Күндүзгүдөй күн күлсүн.
Шам чырагын жаккандай, Таш кабырдын ичинде, Ыраатка бата көр.
Күн чыгып таң аткандай, Жаннаттан жаның жай алсын.
Жараткан эгем кудурет,
Көп батасын кабыл эт,
Күнөөдөн таза жандардын Ак тилегин макул эт. Оомийин!
Карасын түшүргөндөгү бата
Ыраматылыктын топурагы торко, Жаткан жери жайлуу, Арты-кийни майлуу болсун. Мындан кийин ак элечек Башыңан түшпөсүн. Оомийин!
Назырга берген бата
Медиянда Мухаммед, Түркстанда Кожохмет, Мына бу үммөтүңө жар медет.
Бул дүйнөдө жыйганды айт, Акыретте ыйманды айт.
Эки дүйнө аброюн берсин,
Төрт түлүк малга жарысын,
Алганың менен тең карысын
Төрт түлүгүң өсө берсин,
Журтуңа арнаган ниетиң, Ата-бабаңа тие берсин, Ата арбагы ийе берсин. Оомийин!
Жыл ашындагы бата
Союлган малдын,
Жасалган нандын Тийгизсин сообун.
Арты кайырлуу болуп,
Мындан аркысы оңго оосун.
Дасторконуңар жакшылыкка жайылсын. Оомийин!
Намысың колдон кетпесин, Касташканың талабына жетпесин.
Кеткениңдин топурагы торко болсун.
Караңгы көрү чырак болсун, Мингени дулдул бурак болсун, Жүргөнү бейиш-жумак болсун.
Арбак ыраазы болсун, Кемигениңди бир Алла толуктап, Азан-казан ортоң толсун. Оомийин!
УЛУТТУК МҮНӨЗ – САПАТТАР
Карыларда каада күтүү, нарк-насилди, санатты сүйлөп, үндөктөй отуруу салты бар.
Байбичелерде ажардуулук, набаттуулук, айткан накылдары келин-кесектерге, кыз-кыркындарга жугумдулук бар. Алар үлгүлүү отуруп-туруусу менен нускалаганы артыкча көрүнүүчү.
Улгайыңкы кишилерде коңурдукту, салабаттуулукту, улууларын урматтоону, жоомартыкты, теңсиздикти, сабырдуулукту, кичүүлөрүн ызааттоону, кеп-сөздү асырай да, сүйлөй да жүрүү шыбагасы бар.
Зайыптар дээринен ажардуу, адептүү, билгиликтүү. Алар эрин пир туткан ак жаркындуулукту ченебей берген.
Жигиттер жигердүү, чыдамдуу, чечкиндүү. Оттончоктон жалтанбагандар, жоого тайманбастар, болоттой өткүр лөр, качырганын куткарбас кылып тарбиялагандар.
Келиндерге кудай келбет берген. Жар күтүүнүн сырларын аруу чечкендер. Шайыр мүнөздөр, шаң-шарапатты жандандыргандар.
Кыздар кырдагы кызыл гүлдөр өндүүлөр. Табият бешенесине күмүш күлкү, назик үндү бериптир.
Ар эл башынан кечирген тарыхый-социалдык жашоо тиричилигине, табиятына, маданиятына, динине, этикалык-психологиялык шартына жараша өзгөчө мүнөз күтүшөт. Кыргыздар эзелтен Теңирчилик доорунда жашап, адат-салт, мүнөзү калыптанган эл, кийин орто кылымда ислам дилине карап XIX–XX кылымдарда, бир кылымдан ашуун орус бийлигинин кол алдында өткөрүп, муун алмашып, улуттун мүнөзүндө өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ошондой болсо да акылмандыкка, сөздү ыйык тутуп, аны аткарып жашаган соң, илгерки Теңирчилик доорунда, нечен кылым башынан кечирген эл нукура калыптанган мүнөзүн сактап калды. Өзү менен илгертен кошуна, доорлош элдердин маданиятынан гана эмес, өзгөчө улуттук мүнөздөрүнөн айырмаланган жана артыкчылыгы учурайт.
Эзелки кыргыздар. Эзелки кыргыздардагы эң оор жаза – элден бөлүп салуу эле! Ошондуктан кыргыз баласы эч качан кылмыш ишке барган эмес. Эки жүздүүлүк, ууру кылуу, ушак айтуу, калпычылык, көралбастык, өз тобундагы бирөөнүн бирдеңкесин тартып алуу, жок жерден чыр чыгарып бирөөгө акарат айтуу, же кол тийгизүү, же өлтүрүү, аягы суюктук, калыстык менен адилеттиктен таюу, адепсиздик, мыкаачылык, бөөдө зулумдук, алдамчылык, дайыны жок ырайымсыздык, зөөкүрдүк, чыккынчылык, чагымчылык, арамзалык, ыймансыздык, абийирсиздик, ич тарлык, ач көздүк, бирөөнүн убалына калуу, чындыктан таюу, кесир чайкоо, ашыкча байлык күтүү, бөөдө ысырапкорчулук, соопчулукту унутуу, арбактарды сыйлабоо, адал иштен танып арамдыкка баруу, жырткычтык, наадандык, эң акырында, табиятты сыйлабоо – ал үчүн өтө жат болгон. А табият аны Улуу Көкө Теңирге жакындаткан бирден бир данакери эле! Андыктан, ал табиятты дагы да баарынан бийик тутуп, өзүмчүлдүктү, жекеликти четке кагып, көпчүлүктүн кызыкчылыгын баарынан жогору коюп келген. Ал кай жерде гана жүрбөсүн, өз кызыкчылыгынан көпчүлүктүкүн ар дайым бийик санаган. А бул өз кезегинде, улууларды сыйлоого, кичүүлөрдөн ийменүүгө алып келген. Ошентип, көчмөн өмүрдүн салтсанаа, адеп-ахлак, жүрүш-туруш жайындагы эч жерде жазылбаган мыйзамдары келип чыккан…
Эл маданиятын изилдегендер жалпы улутка мындай мүнөздү беришет: кең пейилдүүлүк, айкөлдүк, жоомарттык, меймандостук, жоокерлик, акылмандык, боорукерлик, чечендик, акыйкаттык, кеменгерлик, аруулук күтүшөт. Мойнуна кылыч кармап турса да өзүнүн адилеттигинен, чынчылдыгынан тайбаган.
Мүнөздүн түрлөрү. Токтоо, же оор мүнөз, мүнөзү ачыкайрым, жеңил мүнөз, мүнөзү курч, куу мүнөз, же мүнөз күтүп калыптыр, же мүнөзү чатак деген сөздөр мүнөздүн ар кандай маанисин ачып турат.
Оор мүнөз – көтөрүмдүү, сабырлуу, чыдамдуу, сырын алдырбаган адамга айтылат.
Мүнөзү ачык-айрымга – ичинде кири жок, кулку таза, мүнөзү жайдары, кишичиликтүү, бирөөгө жамандыгы жок, башкага күйүмдүү жанга баа берилет. Жеңил мүнөз – олку-солку, оргу-баргы, чарт этме, бирөөнү ээрчиме, жел өпкө, жеңил аяк адамдарга карата айтылат. Куу мүнөздөргө – эч качан өз кызыкчылыгын унутпагандар, убагында башканы пайдалангандар, учурунда жылт этип кетип калгандар, эки жүздүүлөр, амалкөйлөр, кыянаттыкка ык туулар, кыял-жоругу шыктуулар кирет.
Мүнөзү курчтарга – өткүр, шар, өз билгенин бербеген, өкүм жандар айтылат.
Мүнөз күтмөлөргө – шартка жараша кубулгандар, мансапкорлор, кошоматчылар, пейил күткөндөр, адамдарды айырмалап мамиле кылгандар, бой көтөрмөлөр.
Мүнөзү чатактарга – чарт этмелер, мактанчаактар, өзүнө корстондор, ушак-айың жайылткандар, чырчатакка жакындар, мүнөзү калыптанбагандар кошулат.
Кулк-мүнөзгө баам. Эмгекчил, мээнеткеч, ак көңүл, кең пейил, кылдат, калыс, жоомарт, берешен, колу ачык, мээримдүү, тобокелчил, саресеп, бүйрө, сылык, дейди, кыйды, как баш, мастан, долу, суу куйду, серке көөдөн, меймандос, сыпайчы, сынчы, чечкиндүү, чечен, кыраакы, боорукер, нарктуу, кымбат, салмактуу.
Кара мүнөз. Митаам, арамза, куудул, тил алчаак, жапакеч, назик, жайдары, мактанчаак, алөпкө, желөпкө, жандими, калпычы, шыпыр, жылпыш, жылдырма, куу такым, ичимтап, шалаакы, нускалуу, айкөл, оор басырыктуу, ишенчээк, жеңил ойлуу, кылтыйма, мылжың, кежир, керкакшык, чагымчыл, макоо, кырс, орой, осол, оолукма, чогоол, кейбир, курч, баатыр, тайманбас, кашкөй, эр жүрөк, оома, жүүнү бош, жойпу, шылуун, мүлтүлдөк, куйту, ала көөдөн, көйрөң, куу чирен, алабарман, тестиер, сергек, өлөрман, кежегей, жойбур, кыйды, сак, куу такым, кыраакы, сук, азгырма, жылуун, келжирек, көз тойбос, жутакей, ач көз, алдым-жуттум, тобокелчил, сылаңкороз, кызкыял, жүрөгүндө жалыны бар, эрке талтаң, топуктуу, кыялкеч, суу жүрөк, коркок, майболпоч, чоркок, сараң, эзме, алаңзар, көк тил, көк бет, түнт, кепжебес, өжөр, кенебес, тоң, көпкөлөң, сайпана, ушакчы, көралбас, коңур, эринчээк, уялчаак, коймаарек, кызганчаак, айдайкел, ажаан, тажаал, ийменчээк, күлкүчү, оозу ачык, көзү ачык, алабарман, айдама, корс, көрөгөч, тайбас, жанбакты, кыраан, элпек, момун, жоош, ак каптал, копол, тартынчаак, жүдөмүш, чечкинсиз, дардаңкүү, мактанчаак, жалтанчаак, маңги баш, дүң баш, аңкоо, чыйрак, илээнди, канаат, сабырдуу, ызакор, аяр, суук тумшук, чынтийбес, куу, таскак, керооз, терсаяк, кылыктуу, шайдоот, шашма, желтаман, тапан, кебекбаш, көржеме, көшөкөр, чуу куйрук, чыр, жылкы мүнөз, аткыял, чаарбаш, жалкоо, тентек, ээнбаш, эрен, эргул, тар, эр көкүрөк, тойбос, карбалас, кайсар, келжирек, калыс, өктөм, арамза, мажүрөө, ак каптал, кара каптал.
Эр мүнөз. Даанышман, берешен, эр чечен, таш жүрөк, берен, көсөм, барпы (кадырман), баш койкоң, ат качырбас (алгыр), барак (жаалдуу барак, өөк барак), кунарлуу булбул, жетик, күпсөр, күлдүргүч, ак маңдай жаркын, жайдары, дардаң, көйрөң, арамза, кежир, жөнүк, аңкоо, жалкоо, эпчил, кербес, сатаң, ашкеби, чырбаш, тантык, шүмшүк, бузуку, шалтаң, жалтаң, кобур, сыйкы, айгак, сүткор, мерез, кашка.
Баатыр мүнөз. Шер баатыр, көкжал баатыр, илекор баатыр, жеке баатыр, ээрчиме баатыр, айласыз баатыр.
Сын-сыпаттоо. Кыргыздар адамдардын сын-сыпаттарын, өңү-түсүн төмөндөгүдөй түрдө бере алышкан:
Кара тору (кара торунун сулуусу), кызыл тору (кызыл торунун сулуусу), ак жуумал (ак жуумал сулуу), ындыкара, сары чийкил, сары (эзилиңки сары, эжигейдей эзилген сары), ак саргыл, кубакай, куба жүздүү, кырдач мурун, кыйгач каш, ак маңдай, сурма каш. Турна моюн, алма баш, каркыра моюн, бото көз, чап жаак (шап жаак), чырымталдуу, кырчоолуу, боорсок бет, бүркүт кабак, кыргый кабак, күйкө кабак, куш тумшук, бөдөнө тумшук, кузгун көз.
Кээде терс сүрөттөөлөр да боло калат. Ал элик мурун, калак мурун, кем ээк, соку баш, чекир көз, шалпык эрин, керки баш, бүтүк көз, кайкы мурун, үтүрөкөй көздүү деп сыпатталат.
Тараза бойлуу, шыңга бойлуу, жапалдаш бойлуу, узун бойлуу, кең далылуу, тегерек тарткан, эки ийнине эки бүркүт отургандай, толмоч, арыкчырай, экчелген сымал сырткы сыпаттоолор бар.
Кыргызда мырза жигит, улан деген туюнтмалар бар. Адатта, булар жаштыкты билдирет. Тааный келгенде мырза деп кол тийгис, жеңил-желпи айта коюучу сөз эмес. Мырзаны жигиттерден тандай билүү керек. Келбети келишкен, акыл-ою ордунда, мансабы бар, баскан-турганы орундуу, жигиттик доорду ойдогудай өткөргөн, чоңкичинеге алынган күлгүн курак. Мунун элүүдөн ашып, эр ортону болгондорго, алтымыштан ашып, абышка атка конгондорго карата айтылышы ылайыксыз. А мырза, мырза чыкма болсо жаш өзгөчөлүктү түшүндүрөт.
Азыр турмуштагы жаш колуктулар, жаш келин, андан ары зайыптар болуп айтылат. Буларды айым десе жарашат. Элүүнү эңиштеген ургаачыларды, «айым» деп айтуунун зарылчылыгы жок.
Турмушка чыга элек кыздар бар. Алар да коомдук иштерге жандуу катышууда. Өз кесибинин адистери болуп эсептелет. «Бийкеч» деген төл атоо бар. Аны «айым» деп айтуунун өзү олдоксон угулары белгилүү. Анткени турмушка чыга электер бийкеч деп аталат.
Кыскасы, кыргыздардын сын-сыпаттоолору да этнографиялык тактыкты, төптүктү, адептүүлүктү, сылыктыкты талап кылат.
Жаштык. Бул – өзү эле кол тийгис сулуулук. Бул – абалтан айтылган кеп. Тирүүчүлүктөгү алгачкы ооматы келген бир учур. Кыздарыбыз кирди кол менен кармагыс асылзаада, акак таш чөгөрүлгөн буюмдардай. Ошого тете уландардын да сын-сыпаттары бар. «Кыздай сылык», «уяң» (бул өтө назик деген түшүнүктү берет). «Жибектей созулган кыз мүнөздүү» – деп баалайбыз. Ошондо кызулан – жаңы ачылган жанаша чыккан эгиз гүл. Алар жыпар желге бой ыргап турушкандай туюлат.
Мына ушундай баага татып келишкен жаштар – кызуландар адепти, абийирди, салтты, үрп-адатты сыдыргыга салгандай саптап, сактап келишкен. Жаштардын салтта, наркта жок адепсиз жүрүш-туруштары ата-энени, ага тууганды, бир айылды, элди, кала берсе, жерди жер каратып коюшкан. Өз учурунун «нокто-жүгөндөрүн үзүүчүлөрүн» журт өзүлөрү эле жазалап таштаган. Уяттуулуктун күчү жогорку чекке жеткен. Ал «абийир» деп аталат.
Кыз-жигит жеңелери аркылуу кыз оюндарында гана сүйлөшүүгө, жүздөшүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Күйөөлөп баруу, кыз көрүп келүү – өзүнчө сөөлөт, кыз менен сүйлөшүү – жаштык дымак. Айлуу түндөрдөгү жаштардын оюн-тамашаларына катышуу аркылуу алар мүдөөмураттарына жетишкен. Калыс сынчы – эл, уюткулуу журтчулук. Кимдин баласы, кимдин кызы кандай өсүп жатканын, эмне иш колунан келээрин, узбу, устабы, эпкиндүүбү, күжүрмөнбү, шайырбы, шамдагайбы, балбанбы, өткүрбү, же жоошпу, теңизби, айкөлбү, жалкообу – муну эл тааныйт. Ошолор баалайт.
Улан ат жалын тартып мингени – анын эрезеге жеткени.
Беш көкүл кыз бой тартканы – бийкеч болгону. Эми турмуштун өз тизгинин өзү кармоого камылгасы. Албетте, колдон суурулган эчен бир азаматтар бул учурда үйдүнжайдын, элдин-жердин камын ойлоп калышат. Топко кошулуучу жаштардын өз оюн-зоокторунда эле көзгө көрүнүүсү, мында ошондой шаң-шарапаттуу жайларда жылдыздары табышкан. Жаштардын махабаты жылтжулт этип үй-бүлөчүлүк, келечек жашоо тууралуу үмүттөрү, умтулуулары өзүнөн өзү пайда болгон.
Ырыска шерик. Бул – адам баласындагы артыкча мыкты мүнөз. Өзүн тактап-сактап, айлана-чөйрөсүнө коймаарек, пендечилиги тегиз, келген дөөлөттү көтөрө билүүчүлүк, башы оор, жүрөк каны коюу, жалпыны тең караганы аркылуу адамдарга алынуучулук. Анын карама-каршысы ырыс кыркар, келген даамдын баркына жетпөөчүлүк. Бирөөнүн сыйын тебүүчүлүк, эмгегин баалабоочулук.
Ынсаптуулук. Бул пендечиликтин оңдуу адаттарынан. Ток пейилдүүлүк – мунун асыл кайталоосу. Ал дагы ырыскешике, азды-көппү ыраазы болуучулук, «кудая тобо» дечүлүк. Барда бардай, жокто жоктой жүрүүчүлүк. Күндө лүк жашоо турмуштагы көргөн-турган көрүнүштөргө кайыл болуучулук. Илгертен эле улуулар ток пейилдүү жүргүлө, балдар сугалак болбогула. Сук атанын балдары «атанбагыла» (илгери бирөө суктугунан казандагы кайнап жаткан ашка колун салып жибериптир) – деп, тескеп туруучу. Соргоктук, жатып ичээр, жанбактыга жарашат, сугалакты табият канаттуудагы сагызганга жазыптыр. Ынсаптуулук – адамдын каниет болуусу. Ал – уяттуулук, сабырдуулук, өзүнүн намысын сактоочулук.
Жакшылыгыңды аяба. Кыргыз атада бири-бирин колдоп келүүчү, жардамын кыла жүрүү парзы бардыгы. Бирөөлөрдүн бирөөлөргө зарыл иши түшүүсү, тирүүчүлүктөгү боло берүүчү көрүнүш. Ошондой шартта пенделердин эрксизден жеринен келе жаткан кайрылуулары. Ага боорукердик сезимде сөзсүз назар таштоо мүмкүнчүлүгү. Бул – ажат ачуусу. Адамкерчиликтин астейдил белгиси.
Шагы сынуу. Бул – ызалыкка тушугуу. Көңүлү чөгөт боло түшүүсү. «Эл алдында, жоро-жолдошторунун көзүнчө басынуусу, кеп-сөзгө сына түшүүсү. Дарактын шагы деп, бутагы деп маанилеш айтыла берет. Бирок бутагы сына түштү дешке караганда «шагы сынды» сөз оролунун өтмө маанисине дал келе түшөт. «Курган бала шагын сындырып койду», «Алабарман неме шагы сынарын билбеди…» өңдүү сөздөр айтылат.
Жер-жеберине жетүү. Бул – терс адат. Адамдардын абийирине карабай, аркы-беркини аңдабай, өзүнүн уятсыйытын сактабай бирөөлөргө акаарат сүйлөөсү. Т.а., ал пенденин кимдигине, анын жүрүш-турушуна, ата-тегине доо кетирүү аркылуу өчүн алуу, табасы кануу, жер-жебери, анын мурунтан бери кимдигин, ал эмне кылып келгенин ачык айтуусу. Бул сүйлөөчүнүн эл алдында адебин сактабоосу; көпчүлүктүн көзүнө албоосу; ошол күнөөкөр адамдын алдын-артына карабоосу…
Уяңдык. Бул – уяттуулуктун бир түрү. Адептүүлүккө барып такалат. Адамдагы назиктик. Кыз кыялдуулук. Улан-кыздарга таандык көрүнүш. Ар нерсеге жумшак мамиле кылуучулук. Мисалы, бирөөгө өтүмү жок неме дейбиз. Айрымдар шакылдап-какылдап, жаш да болсо жандай салып, бир нерселерге аралашуулары бар. Туура, пенделер ар кандай жаралат. Тайманбастар, курчтар, жалтанбастар да кездешет. Уяңдык алардан айырмаланат. Кээде өйдө караса чакчак, ылдый караса кашак аталат.
Аларга караганда, бул жакшы сапаттардын катарына кирет. Кыргыздын салтында уяң жаштарды сүймөн чүлүктө карашат. Т.а., ал жаштардын сыпаалыгы-сылыктыгы. Мында улууларды урматтоосу табигый жүрүш-турушунан билинүүсү.
Асылкечтик. Бул – жолдошчулуктагы, теңтуштуктагы сыйлоонун бийиктиги. Бири-бирин кадыр тутуучулук, ортодо жел өткөрбөөчүлүк. Асылкечтер – адалды-арамды бир жечүлөр, өрүүчүлүктө бир дөңдө, өлгөндө бир чуңкурда жатууга бел байлагандар. Бул жалган жарык дүйнөдө такыр жан кыйышпастар…
Көңүл буруу. Бул кыргыз элиндеги мыкты сапаттардан. Тирүүчүлүктө адамдардын турмушу ар кыл, колу жетиштүүлөрү болгон, орточолору бар. Жармачтары, кары, жетим-жесирлери, бей-бечаралары болот. Албетте, байлары, билермандары бар. Ошондой жагдайлары аркылуу айыл үстү, эл ичи болуп саналат.
Биринчиден, эл мыктылары, эл жакшылары, элинин жалпы жашоолоруна алдыртан көз салып баамдайт. Кимдери бар, анын колунан эмне келет, буга назар салган;
Экинчиден, колунан байлык жарата албагандардын малдары барбы-жокпу, көппү-азбы муну көз кырына алган;
Үчүнчүдөн, алардын жакындарынын ич ара кайрымдары, ошол кайрылууга тийиштүүнүн өзүнүн турмуштиричилиги кандай, муну көңүлүнө түйгөн. Мындай иликтөөлөрдүн негизинде өзүлөрүнүн кеп-кеңештерин тууган ичинде, айыл ичинде кылып, аларга жардам берүү катарга кошуп алуулары келип чыккан. Мына ушундай жол менен кириптер болгондорду бошотуп алышкан. Өз ара ширелишкен баланчалардын ынтымактары деген пикирлер пайда болгон. Бул – ата-баба салты, муну улоо керек.
Жылан өлтүрүүгө таш алып бербейт. Бул – адамдын жүрүш-турушунда абийирсиздиктин эң жеткен чегине барабар. Жылан уулуу, ошондой таш алып бербегенге салыштырган сапат – анын кара мүртөздүү, жакшылыктан куру жалак калуусу. М.а. адамга окшош, бирок ит кыял айбан экенин айгинелейт. Эл өзү ушундай көралбастыкта, жек көрүмчүлүктө баалашат. Булар – каршы адамдарды туюндурат. «Өлүп баратсаң, оозуңа суу тамызбайт». Буга толук үндөшөт. Өтмө мааниде алганда ушуга чейин адамдык сапаттан кеткендигин билдирет.
Чалакайымдык. Бул – адамдагы начар сапаттардан. Бир ишти аягына чейин жеткирбей, орто жолдон чыга берүүсү, сүйлөп бараткан сөзүн бүтпөөсү. Отуруп-туруусунда шашкалактоосу. Ар дайым арак ичкендей жүрүүсү, жүрүш-турушу, жеңил ойлуулукка чаап туруусу. Анда калпычылык, кайсардык, жеңил ойлуулук – бири-бирине өтүп туруусу. Сөздү айта билүүсү менен уга билүүсүндө адамдардын сапаттары аныкталат. Чалакайымдык – кайсардык, оң сапаттардан кур жалак калуусу.
Ыза болуу. Бул – пендечиликтеги аздыр-көптүр көңүл чөгөт болуусу. Сынып калуусу, убактылуу басынтуусу, башкалар баамдап калуу жагдайлары. Адамдардын жекече мүнөздөрү ар кандай жаралуусу. Айрымдардын ызакор келүүсү. Бир болбогон нерсеге бат эле таарына түшүүсү. Кээде ызалуу мансапка, байлыкка, тегине байланышуусу. Ал «кыйт дей түшөт», «ага андай сөз айтпа, ыза болуп калат», «Алар мени ыза кылып коюшту. Жолдору болсун» дечүлөр бар.
Сүрдөнтүү. Албетте, айрым адамдардын ага карата мамилеси. Башкаларга зор таасири, чочуркоосу. Кыз сүрү уландарга, уяңдарга ошондой көрүнүүсү. Сүрдөнтүү, сүрүн салуу, ага атайын өзүнүн мамилесин билдирүүсү. Пендечиликте сүйүүлөр да, сүрдөнтүүлөр да, сүрдөнүүлөр да, сүрүн көрсөтүп жактырбоолор да ж.б. бири-бирине зор таасир-таалим этүүчүлөр-этүүлөр да бардыгы.
Сыпайы сырын жашырбайт. Бул – адептүүлүктө өз чын сырын айтуусу. Аны кыйбастарга билдирүүсү. Сыпайы көңүлү да, пейили да, жүрүм-туруму да бөлөктөргө үлгү, отуруп-турганы маданияттуу, бирөөлөргө мамилеси сылык адам. Мына ушундай абалда жашоо-турмушту өтөө аркылуу карылыкка жетүүсү. Элге-журтка алынуусу. Андай пенделердин асыраган, аздектеген сыры да башкаларга өрнөктүү болору аныктыгы.
Коймаарек. Мында да адамдардын жекече мүнөздөрүн өтмө мааниде салыштырмалуу түрдө койго жакындаштырат. Адатта, малдын Чолпон атасы, бул – беш түлүктүн жоошу, маарап, жалдырап, маңыроо тартып, өзүнүн коңурдугун көрсөтүп туруп берет.
Таразалап көрүү. Бул – адамдардын алгылыктуу сапаттарына карата айтылган сөз. Тараза – салмакты так ченөөчү, тартуучу аспап-курал. Ар кимдин сапатын, түздүгүн, чынчылдыгын билүүгө мында өтмө мааниде түшүндүрүп жатат. Кандай да болсо таразанын башына келгенде анын канчалык деңгээлде экени билинет. Ал эч качан мүлтүлдөй эки жүздөнүп, буйтай, жүзүн буруп кете албоосу. Тараза билдирип турардыгы.
Тобо кылуу. Бул – жакшы сапат, жарыкчылыкта өзүнүн көргөн күнүнө, жашоо турмушуна, бала-чакалуу болгонуна, аздыр-көптүр ыраазылыгын билдирүүсү. Ошого каниет алуусу, ал үчүн жакасын кармануусу. Кетирген күнөөсүн, акаарат айткан сөздөрүн өзүнөн өзү кечирүүсү. Барбардигерден кечирип коюуну өтүнүүсү, айрымдар, тескерисинче, бул жарык жана жалган дүйнөгө нааразы болот. Акаарат айтуу менен өтүүсү.
Ырыс кыркаар. Бул адамдардагы терс сапаттардан. Кыргызда «Ырыска шерик», «ырыс көтөрөөр», «кудай берүүчү» өңдүү оң маанидеги ойлор айтылат. Алар – ырыскешикти токтотуп калуучулар. Тескерисинче, айрымдар өзүнүн жемин өзүнөн оолактатат. Ооз тийип коюуга жарабайт, текеберленип, ырыс кыркаардын жолун кайталайт.
Бет тырмоочулук. Бул – адамдагы терс өнөкөт. Өзүнүн кемчилигин, кылык-жоругун башкаларга саласал кылуучулук. Башкалардын начар сапаттарына дароо тогоштуруп жиберүүчүлүк. «Мен эмес, ал ошенткен». Кыскасы, бирөөлөргө өзүнүн начардыгын тогоштуруу. Ошого жаба салуу. Өзүн актап калуучулук.
Керооз. Бул – адамдардагы терс сапаттардан. Кээри бар. Сөздүн өз маанисинде сыйлабоо. Кандайдыр ичте кузаматы бардай митайымданып, татыксыз ой тутумун ойлонбой берүүсү. «Ал кээрденип турат» дейбиз.
Жан кечти. Бул, биринчиден, муну өзү митайым, кара ойдо туруп, ошого болбой актыкты танып, карганып басып кетүүлөрүнөн байкалат.
Экинчиден, өзүнүн керт башын жаман адатка буруп, ошондой сапаттары аркылуу тиричилик көрөт. Андайларды эл-журт «жандим» деп да коёт. Булар – эптеп жан бактылар.
Жылкы кыял. Пендечиликте токтоолук, оор басырык, коймааректик, коңурдук адамдардагы оң сапаттардан. Алар ырыс көтөрөт. Ач-токту бирдей кабыл алат. «Жылкы кыял» дегенде өтмө маани бар. Жылкы малы бештүлүктүн шайдооту. Ал адамдын канаты. Семирсе кыял күтөт, жонуна чымын кондурбай коёт. Ал эми адамдардан айрымдары тоюнса, өзүн укмуш сезет. Көпчүлүккө сыр көрсөтөт. Теңине албай, теңтуш кылбай да коёт. Макалдын мааниси ушуну туюндурат.
Битекарын. Бул – сараңдын эң эле жеткен чеги. Айрым адамдар жашоо-турмушта ошондой да жаралат. Битекарын – биттин ичегисине кан куюуну, битин сыгып, канын жалоону да түшүндүрөт. Андай адамдар менен алды-берди кылууга, адамча мамиледе жүрүүгө болбойт. Өзүнөн өзү бирдемелерди аягандар, ыраа көрбөгөндөр. Өтө курч мааниде айтылган. Мында алардын сараңдыкта тиричиликти өткөрүүдөгү өтө «чыйрактыгы», «эпчилдиги», «ыкчылдыгы» да эске келет.
Эл ичинде миң киши, үйгө келсе бир киши. Бул – адамдардын сапаттарына карата айтылуусу. Айрымдар элдик аталып, калк аралоосу. Айрымдар калк-арасында кадырлуу, барктуу, нарктуулугу. Үйүндө, өз чөйрөсүндө катардагылардын бири, жөнөкөй көрүнүүсү, саналуусу. Жалгыз аттуулар, жайдак тондуулар эл ичинде өзүнүн өнөрү, чегелүүлүгү, айлакер, амалдуулугу, туурадан сөз тапкандыгы, туюктан жол чапкандыгы, чебердиги аркылуу «топ бузуп», ошонусу менен алыс-жакынга бирдей таанылуусу.
Адамдарды бири-бирине тааныштыруу. Адамдардын табият тартуулаган ар кандай мүнөздөрү, кыял-жоруктары, жекече сапаттары аркылуу эл-журтка дайыны. Айрымдары «баланчадай», «түкүнчөдөй», «мындай», «тигиндей» өңдүү сыпатоолору. Бирөөлөрдү тааныштырууда анын ататегине, жиндиби, сообу, балдары кимдер, шек келтирүүлөрү, «аялдардын жип-шууларын айта коюучу сайпана неме». Алиги көмөлдүрүк, куюшканды көрсөтүп калуучу неме. Айтор, кемсинтүүчү кептерди айтуулары. Арийне, таанышуу-тааныштыруу адамдардын керт башына таандык көрүнүштө маданияттуулук сактоосу. Ал пенденин сынып калбоосу үчүн колдон келсе, жакшы жолун көтөрүп коюусу.
Сыр билдирбөө. Бул – ич ара ар-намысын сактоосу, башкаларга бел алдырбоосу, бой көтөрбөө белгиси, өзүлөрүн жалаң жакшылык жагына тогоосу, же «бизде андай эмес, мындай», «балдарымдын тартип-тарбиясына эл ыраазы», «баланчанын балдарындай кантип болсун», айтор, өзүлөрүн өтө өйдөлөп кармоосу, созолоно тартып олтуруусу. Экинчиден, башкаларды жактыра бербей мактануусу. Мында көйрөңдүк белгиси. Андай жоруктары журт алдына аста-секин билинип, кеп-сөзгө илинип калуулары да бардыгы.
Ынтымакка чакыруу, ынтымакка келүү. Бул – элибиздеги асыл сапаттардан. Кыргызда ырыс-кешик, береке пейилдик, оң көрүнүштөрдү ынтымакка алып келип жорушат.
Биринчиден, башка урууларды ынтымакка чакырган учурлар болгон. Кыз алышуу, кыз беришүү, күлүк-жорго тартуулашуу, чепкен жабуу ж.б. сый-сыпаттардын негизинде алыс-жакындар эли менен, журту менен журт болуп келген. Чиелүү маселелер чечилип, жүйөлүү кеп-кеңештер үчүн аттарынан түшүп беришкен.
Экинчиден, өз ара ич күйдүлөрдү, жүз карашпоолорду, топурагын түйүп берүүлөрдү, башка тарапка көчүп кетүүлөрдү, эриш бузууларды жана ушул өңдүүлөрдү оңго бурушкан, эпке келтиришкен.
Үчүнчүдөн, андай терс жагдайлар болбоо үчүн алдынала ынтымак уюштурушкан, алдыртан жардамдарын кылып, колдоолорун көргөзүп, чийинден чыккандарын өзүнчө «үндөккө» алып коюшкан. Арийне, андайлар азыр да бар.
Кызганчаактык (ичи тардык). Бул адамзаттын тиричилигиндеги эрди-зайыптын ортосундагы терс адат. Болор-болбостон биринин ишеничин бири кетирүүчүлүк. Ак дилде баш кошуудагы, бакыт табуудагы ойлогон ойду, тилеген максаттарды, үй күтүү, бала-чакалуу болуу өңдүү оң сапаттарды талаага ыргытуучулук. Күндөлүк турмуштун багытты, иш-аракеттерди ирээнжитүүчү.
Ичи тардык, ит кыялдыктын кесепетинен очок күтүп, түтүн чыгарып, үйлүү-жайлуулар, бала-чакалуулар, ошондой жеңил-желпи кыялдын кесепетинен ажырашып кетүү чүлүк.
Түбөлүккө шерттешип, кол кармашкан жубайлар бирибиринен шек санап, жеңил ойлуулукка берилбей, эрди-зайып эгиз гүлү, сыдырым желге тең баш ыргап туруулары тийиш. Бул жашоонун ар кандайын көтөрө да, ишене да билүүчүлүк, алдыга кадам көрүүчүлүк деген сөз.
Терсаяк адат. Бул – адам сапаттарындагы начар көрү нүш. Ит кыял, табигый жаратылышында оң жолдогу касиеттеринин башкача бурулушу. Адамдарды ак жолдон адаштыруу. Айрымдарга акыл айтсаң, аны тескери түшүнүүсү, кээрденүүсү. Болочок жакшы ниеттерге өзүнүн залакасын тийгизүүсү. Андайсыз турмуш жок. «Ой, ага айткан кайран акыл, ал ар дайым короздонуп, кебиңди укпайт», «Ошого корогон кайран сөз» дейбиз да, терс бурулуп кетебиз… Терс аяк – элдин сөзү. Мындайлар арабызда бар. Бул – кеп жебестин, кежирдин жана бир түрү.
Оозу күйүү. Адамдар, албетте, бири-бири менен оңтойлуу мамиледе болушат. Айрымдар туура сүйлөп, түз жүрөт. Андай так адамдардын айткандары баарына эм, кээлери кеп кылса, көбүнчө эки ача мааниде түшүнүк берет.
Биринчиден, айткандары так аткарылбай калса, мындан анын оозу күйдү болот. Сөзүнүн эми кетет.
Экинчиден, өзү туура эмес бирдемелерди тантып айтат. Анысы талаага кетет. Аракети ордунан чыкпай, убара болот. Мында «өзүнүн оозу күйдү» делинет.
Эл кунары, жер кунары качуусу. Кунар – сапат. Эл кунары – адамдардын сапаты, касиети, жер кунары – жаратылыштын сапаты, касиети. Элден-жерден береке кетүүсү, адамдардын пейилинин таруусу, жер кунары кеткенде жаратылыштын куузан тартуусу, тоолордун томсоруусу, айлана-чөйрөнүн суз көрүнүүсү. Канчалык бар болсо да, нысап-бычактын жоголуусу, «жоктон» башкасы ооздон чыкпоосу, келди-кеттилерди илик албоосу. Сууда балыктын, тоодо кийиктин ж.б. айбанаттардын жоюлушу, адамзат менен жаратылыштын карама-каршы келүүсү, адамдардан бардыгы качуусу, ич ара өч алуулары менен туюндурулушу…
Оорулуу адамдын абалын суроо. Кыргызда бейтап, төшөк тартып жаткан адамдын абалын сөзсүз көрүү – мусулманчылыктын жолу. Адатта, ага күн чыкканча кирип чыгуубуз керек. Кандай да болсо, эртең менен оорулуу өзүн бир аз жеңил сезүү баамы бар.
- Кандай сезип калдың? – деген суроого:
- Жакшымын – дейт. Бул бала-бакыранын көөнүн жай кылуу. Канчалык оорусу кыйындап калса да, эстүү жандын минтип жубатып туруусу – үмүттүү кароосу.
Бел алдырбоо (сыр алдырбоо). Ар адамдын, ар бир атанын, уруктун, уруунун ички намысы шакардай кайнап турат. Бирөөлөр бирдемелерин билип калса, укмуштай уяткарат, макал-лакаптарга айланат. Эл арасына жайып жиберет. Атайын ат коюп, ошол атадан балага, туугандан урукка, урууга дейре айтылып калат. Бул «бел алдырып койду», «сырын алдырып таштады» деп айтат. Мындай бел алдырды, сыр алдырды көбүнчө аралаш жашоодо дасторкон жаюуда, мал союуда, табак тартууда, кымыз куюда, көчүп-конууда, өлүк-тирикте ж.б. жашоодо, оошкыйыш тиричиликте сөздөр көп баамдалат. Ошондуктан, кыргыздар артынан сөз эргитпөө үчүн каада-салттан, үрпадаттан эч качан тап жылдырбаган.
Тобокел кылуу. (Тобокелге салуу…) Бул – пенденин чечкиндүүлүк менен кароосу. Алды-артына анча тартынып олтурбоосу. Дароо «таш түш таалайымдан, кум түш кудайымдан» болуусу. Ойлогон оюна, тилеген максатына жетүүсү, натыйжасын эртерээк көрүүгө умтулуусу. Адамдардын да ар кандай жаралуусу. Ал бир иштин өтөөсүнө чыгууда, атайын чыгыш үчүн ич ара шар кете албоосу. Кандайдыр тартынчыктап, өзүнө өзү ишенбөөсү. «Тобо» – барга-жокко кайылы, «келтирүү» – ошонун жыйынтыгына тез жетүүсү. Бул «тобо кылуудан» айырмаланып туруусу. Бир чети көз жумдулук аркылуу бирдемеге баруусу…
Эбин тапкан, эки ичет. Бул – айрым адамдардын шылуундугу. Ар иш-аракеттерди аткаруудагы чечкиндүүлүгү. Тигил-бул жагдайлардын көзүн таба билүүчүлүгү. Ошондон улам натыйжалуулукка кабылуусу. Ал сапаттарга каршысы – айрымдардын жатак болуусу, жалкоолугу, эринчээктиги…
Өзүн өзү сыйлоо. Бул – адамдардын жекече асыл сапаты, адебинин ахлак-ыйманын башкалардын алдында сындырбоо касиетинде ж.б. жагдайына шек алдырбоосу. Кыргыз атада ар-намыс, абалы:
Ошол өзүн өзү сыйлоодон, өзгөлөрдү урматтоодон келип чыкканы, ушундан улам ата-тегине, баба-салтына, эне адебине доо кетирбөөсү; «баланчанын балдарындай», «түкүнчөнүн кыздарындай», «тигилердин келиндериндей» деген лакапка, кеп-сөздөргө чалынбоосу, калк арасында такай айтылып калбоолору, ар бирибиздин өздүк сапаттарыбыздын өнө боюбузда болуусу, оң жактарыбызды ыйык тутуубуз, терс сапаттарыбыздан арылуубуз.
Анын өзүн өзү билдирүүсү, бөлөктөр үчүн кимдигин баамдап коюусу. Ошондуктан, көпчүлүк алдында: «Башкаларды коюп, ой, сен өзүң өзүңдү сыйлачы» дештин өзү пенденин ариетине камчы ойнотуусу…
Бата жаңыртуу. Бул – кудалардын кайрадан куда болуу жөрөлгөсү. Сыр билги куда-сөөктөрдүн аксакалдары жолдугун жасап, болочок колуктуга батасын берүүсү. Демек, жаңыртып бата кылууда «мурун мындай элек, эскилердин көзү өтүүдө, араларыбыз ачылбасын, жөрөлгө кийинкилерге сакталсын. Кайрадан кудалашалы» сыяктуу ой-максаттарды аркалайт. Ушундан улам жээн-таякелери, карын бөлөлөрү, ата-бабаларынан бери салт-санааны бек сактаган асылкечтери бири-бирине кыз беришип, кыз алышып, андай аракеттер ырыс-ынтымагын өөрчүткөн.
Башын куттуктоо. Бул – алыс сапардан (эл четинен, жоо бетинен) аткөл аман келгенде, кокустук кырсыктардан аман калганда, оорудан айыкканда, айтор, алтын башы сак-саламат көрүшкөндө ага-туугандары, эже-карындаштары, дос-тамырлары, куда-сөөктөрүнүн ага акчатыйын сунуусу. Мал энчилөө, кийит кийгизүү өңдүү жай айтуу. Жетине албай сыйлап тосуп алуу салты. Ар адам алына жараша, айрымдар кадыр-баркына карата жакалуу кийит кийгизет. Жоргону, аркалуу атты ээр-токуму менен минип кеткендей алдына тарткан.
Тик карабоо – ийменүү. Бул – улууларды, урматтууларды кичүүлөрдүн ызаттоосунун бир белгиси. Алардын көзүнчө ийменип туруусу. Албетте, мындай касиет улуулардын, уяттуу адамдардын жылуу сезиминде калууларына арзыйт. «Ал анын алдында тик карабайт», «уят-сыйытын катып отурат» сымал сын-сыпаттоолор илгери боло турган. Улуулар кичүүлөрдү алдыртан баамдоочу, баалоочу. Же «Капырдын көзүндө огу бар», «Кысыр калган бээдей чакчаңдап», «Кандан-бектен кайра тартпайт», «Ийменип койбойт» дегенди да көп угабыз. Тик карабоо – далысын тоспоо, кыя өтпөө өңдүү салттын бир түрү.
Адеп-ыйманды эл жаратат. Муундар алмашып, замандар тогошкон сайын, мындай касиеттер, тилекке каршы, кыргыз Атадан качып баратат. Максат, буга да көңүл бөлүүбүз абзел.
Уят-сыйытты сактоо. Уялуу – уят-сыйытты сактоо, ыйман, адеп. Уяңдык табигый сапат. Ал – жаштардын, т.а., улан-кыздардын сылыктыгын көрсөтүү. «Кыздай жигит», «Жибектей созулган жигит» – мындай сыпаттоолор адамга жакшы ниет калтырат. Мунун тик карабоо, ийменүү өңдүү сапаттардан айырмасы да, окшош жагдайы да бар. Экөө тең улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо белгилерин билдирет.
Барымта – бирөөдөн өнбөй жүргөн аласасын тындыруунун бир түрү. Чоң барымта үчүн урук, уруулардын аксакалдары кийлигишкен. Барымтада элдик калыстык болуп, бирөөнүн бирдемесине сугулбай, ак жолдо, ак эмгек менен күн көрүүнү элибиз сүйгөн… Калк ичинде «Ал барымтага келген мал», «Барымтадан жыгып алган жорго», «Барымтага түшкөн чыгдан» ж. б. сөздөр айтылып калган…
Тартуу. Бул – уздардын, усталардын асем, аруу, нуска буюм-тайымдарын, айылдагы мыкты ат, жорго, же көпчүлүктүн көз кырында турганды калк кадырмандарына алып баруу.
Элдешүү. Бул – чыр-чатакты ырбатпай, ынтымак менен бүтүрүү. Эл ичинде, айыл арасында кек калтырбоо. Илгери-кийин муундарга, эл-журтта тууган ичине доо кетирбөө. Адатта, аттуу-баштуу, оозунда сөзү бар, эл тагдырына күйөрмандар элдештирүүдө жол-жоболорун кошо ала барып, уй мүйүз тартып отурушкан. Күнөөнү акыйкатта териштирген, ар бири өз айыбын моюнуна алган. Ортодо арамдык кыл өтпөгөндөй болгон чакта ырасми боюнча кек калбоого даам сыздырып, туз жалатып, нан тиштетип, бири-бирин өбүштүргөн. Жолдугун жасоодо күнөөнү моюнга алган тарап мал, кийит, акча алып барган.
Чоң чатактарды элдештирүүдө таанымал жорголорду, аркалуу аттарды коштоп, кыз берип, куда-сөөк болуп, уруу арасындагы чыр-чатактар андан ары ырбабай тыйылган.
Калыска түшүү. Бул – ата-бабадан келе жаткан чырчатакты басуу салты. Калыс – данакер адам, калыска түшүү – ошол адамдын сөзүн мийзам катары кабыл алуу. Ошого карата бүтүм чыгаруу, сөз кунун сыйлоо. Калыс – акыйкат, калыстык – акыйкаттык кылуу, калыс адам – кара кылды как жарган пенде. Калыска түшүрүү – эки адамдан тартып, урук-уруу араларындагы ири талаш-тартыштарды чыгаргандарды топтордо жөнгө салуу. Албетте, кыргыздар адилеттүү сөзгө бат жыгылган. Андайда ажыр жооптор болуучу эмес. Калыстыкка үчүнчү тараптан өкүл чакырылган.
Анын айтканы эм болгондон кийин: «Иш бүттү, оомийин!» – деп бата тилеп, аттанып кетишкен.
Жолдугун жасоо. Бул – бир маанилүү нерсенин бүткөндүгү үчүн ажат ачкан бирөөлөрдү ыраазы кылуу расими. Мында бир керектүү ишке жараган, жоголгон малын тапкан, же катуу коркунучтардан алып калган, алтын башка күйүттүү иш түшсө, андан куткарган… Ушул өңдүү мерчемдүү окуяларга дуушарланган адамдын керегине жараганга ошол жакшылыгы үчүн өз ыраазычылыгы менен гана кийит кийгизүү, акча сунуу, мал берүү, коноктоо зыйнаты. Акыры аны ыраазы кылуу. Ыракматын айтуу. Мында элибиздин сыйын, салтты бекем кармаганын, бир нерсенин түшүнө билүүсүн баамдаткан. «Жолдугу болот», «жолдугун ал», «жолдугун бер» деп андайда алдын-ала ишеним көрсөтүп турушкан.
Баш таң. Бул – ата-энелери бир жакка кеткен кездерде айыл ичиндеги кыз-келиндердин, бала-бакыралардын жакшы көргөн тамак-ашын жасап ичиши, жеши. Мында, адатта, бирөөсү унун, экинчиси этин, башкасы майын, тузун, айтор, эмне жасамакчы болушса, ар кими алына жараша чыгарып, самаганын жасоолору.
Баш таңып жатканда кирген адамды «саламчы» деп, ага тамак беришет. Бул жөрөлгө «Байдын жалгыз кызысың, баш таң, байдын эрке келинисиң, баш таңбайсыңбы» өңдүү оюн-чынынан ушундай айтылганда, аларга үлүш көбүрөөк ыйгарылган. Бардарлары алардын илебин суутпай, кымызы менен козу-улак союп, бозосу менен согум этин салып, коноктой турган.
Кыя өтпөө (алдынан кыя өтпөө). Бул – адептүүлүк. Жолдон чыккан адамынын улуулугун, кадыр-баркын сыйлоо, өзүнүн маданияттуу жүрүш-турушун өзгөлөрдүн арасында сыйлоо, ким экенин туюндуруу. Албетте, илгери мындай адепке көпчүлүк көз салып, отурган жерде: «Ээ, балдарым, улуулардын, урматтуулардын алдынан кыя өтпөгүлө, салам бергиле, өтүп кетмейин токтоп тургула» – деп, бала-бакыраларга айта, үйрөтө отурчу. Ал адам да астыртан баалап, ичи жылып туруучу. «Жакшы атанын баласы», «жакшы эненин таалими» деген сыпаттоолор мына ушундан.
Далысын салбоо (далысын тоспоо). Бул – адептүү лүктүн бир түрү. Улуу-кичүүлөргө, же урматтуу адамдарга өз жүзү аркылуу сый көрсөтүү жөрөлгөсү. Далысын салуу, далысын тосуу – жактырбоонун, теңсинбөөнүн белгиси катары каралып, ал адам өзүнүн маданиятсыздыгын баамдатат. Далысын салбоо – кыя өтпөөнүн бир түрү.
Күлүү адеби – кыргыздар күлүүчү орунду билишкен. Ырсактап улуу-кичүүлөрдүн ортосунда дайыны жок күлүүнү жек көрүшкөн. Кызыктуу аңгеменин учугу уланып, улуулардын сөзүнө көпчүлүк уюп отурган чакта бирөөлөр обу жоктонуп күлсө: «Тур, эшикке чыгып күлүп келчи?» дей турган. Окуяга байланыштуу бирөөлөр күтүүсүз күлсө, же күлкү чакырган учур болсо, жапырт күлүүлөр айтылып жаткан окуяны шаңына чыгарат, жандандырып жиберет. Күлбөс нерселерди айтып, өзү карсылдап күлүп калуусу абдан одоно көрүнөт. Бирөөлөрдүн айыбын көрүп, аны чукуп күлсө, ал андан бетер одоночулук.
Сыйынуу. Бул негизи динге байланыштуу түшүнүк. Кудайга, Аллага, теңирге, ааламга, жерге, сууга, тоого, ташка ж. б. жалбаруу, алардан жакшылыктарды күтүү, жандуу ыйык катары кабыл алуу. Касиеттүү күч ошолордо экенин билип-сезүү. Ар бир журтчулуктун өз-өзүнчө сыйына турган «сырттан туюучу» кереметтери бар.
Текеберчилик кылбоо – бул болуп жаткан кыймыларакетке, турмуш-тиричиликке, байлыкка, мансапка өкүм мамиле кылбоо. Алды-артты ойлонуу, тобо келтирүү, кудай, эл-журт алдында акарат кылбоо, жакшына жашоосун жактыруу. Көөдөндү өйдө көтөрбөө. Алдындагы ырыс-кешигин өзү көкүрөккө теппөө, ырыскыга жаба түкүрбөө. Текеберчилик – мунун тескерисинче иштөө.
Мактанбоо. Бул – пендечиликте ырысты, сөөлөттү, бардарлыкты көтөрө билүү. Барга кайыл, жокко назар. Мактанчаактык – көйрөңдүүлүктүн бир түрү. Өзүнүн жекелигин башкалардан жогору коюучулук. Оор басырыктуулук, бой көтөрбөөчүлүк – мактануунун оң таасирлери. Бирөөлөр мактоо – аны көтөрө билүүчүлүк. Сен өзүң жөнүндө айтпа, бирөөлөр айтсын деген кеп бар.
Убадага туруу. Бул – адамгерчилик сапаттын алгылыктуу түрү. Тирүүчүлүктө бирөөлөр менен алды-бердилер болот. Айрымдардын ортолоруна калыстыкта жүрүүлөр бар. Сөз берүү – чындыктын күбөсү. Сөздү сыйлоо – адамгерчилик, кадыр тартуучулук, туруктуулук. Айткандарынан тайсалдоо – жалакайлык. Убада бердиңби – аны аткар. Мунун тескери түшүнүгү – алдамчылык, убарачылык, убада сөздү карытуу. Ишенчиликтен кетүү чүлүк.
Алгоочулук – бул мал чарбачылыгын бел тутуп, оокат тиричиликтерин өткөргөн тоолуктардын өндүрүштүк өнөктөштүк учуру. Жазда жандыктардын жүнүн кырккан, тыбытын тараган, топоз, жылкылардын куйрук-жалдары, кылтагы отолгон, төөнүн жүнү тонолгон. Булардан айыл-апалар чогулуп жүн сабашкан, кийиз баскан, жипшуу, аркан-чылбырын эшишкен, жүн түйдөктөшкөн, ийик ийришкен, өрмөк согушкан, чий чырмашкан, килем токушкан. Аны жасатып жаткан үй жайыл дасторкон менен күтүп алышкан.
Алгоочу – кол-кабыш кылуу, алгоочулук – айыл ичи колмо-колдоп бирөөлөрдүн иштерине жардам берүүчүлүк.
Ал болсо көбүнчө жер үй куруу аракетинде керектелет. Мына ушундай шарттардан улам узчулукту үйрөтөт, ынтымактуулукка чакырган. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу – тоолуктардын мүнөздүү көрүнүштөрү. Ал аракеттери үчүн жүн, кыл, тыбыт берилген. Аны алар буюм кылып алган.
Боорукердик. Гумандуулук – бул кыргызча боорукердик. Демек, адамдын мыкты сапаттарынын бири. Аны кайрымдуулук деген туюнтма менен алмаштырабыз. Кара мүртөздүк, ыймансыздык, таш боордук, сараңдык, көралбастык сыяктуулар – боорукерликтин тескери түшүнүгү. Начар өлкөлөрдүн элдеринде көрсөтүлүп турган бай өлкөлөрдүн гуманитардык жардамы – боорукердиктин чоң үлгүсү. Кыргыз мамлекети жаш. Кичине мамлекет. Ага ар тараптан азык-түлүктөр, дары-дармектер, кийим-кечектер такай түшүүдө. Бул өңдүү көптөгөн түрдөгү жардамдардын негизги себеби биздин өлкөнү бат телчигип кетсе дегени. Гуманитардык жардамдын башка жагдайлары бар. Алсак, жер титирөөлөр, суу ташкындар болуп жатат. Булар кадимки зилзаланы жана топон сууну элестетет. Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарына, көп балалууларга, өтө кары-картаңдарга, багары-көрөрү жокторго, сөзсүз, турмуш-тиричиликтик жардамдарды беребиз. Мына ушундай шарттарда балдардын да аёо сезими жаралат. Оорулууларга, кары-картаңдарга суу алып барып берет, бул да гуманитардык жардам. Там аркасындагы отоо чөптөрдү жулуп, сугарып берсе, ал да жардам. Дүкөндөргө чуркап барып, жумшагандарын алып келип турса, ошол да боорукер мамиле эмеспи.
Жыйынтыктап айтканда, боорукердик, карыларды сыйлоо, урматтоо, айкөлдүк, өз ара мамилелер баары биригип келип, адептүүлүккө үндөшөт. Ошонун ар кыл бутактары биринин сапатын, ички касиеттерин бири толуктап, түшүнүктөрүн кеңейтип турат. Ыймандуу балдар буларды аткарууда. Ич ара айырмачылыктарын айра таанып, бирок бир бүтүм нерсе катары карап, мындай мамиледен тап калтырышпайт.
Топукчулук (Топук тилөө). Бул – барга назир, жокко кайыл болуучулук. Маңдайдагы буюрган нерсеге ыраазы болуу, ошого ток пейил тартуу, кудая тобо кылуучулук, жараткандын, барбардигердин ушунусуна шүгүрчүлүктө жүрүү. Нан болобу, жарма болобу, чайбы ж. б. тамакпы, анын азыбы, көбүбү, ошого ырыскылаш экендигине ыраазычылыгын билдирүү, күндөлүк турмуш-тиричиликтеги бардарчылыктан да мурун кем-карчтыкка моюн сунуу.
Мунун терс туюнтмасы – сугалактык, азга эмес, көпкө сугулуу. Дүнүйө, мал-мүлккө тоюнбастык. Ач көздүк, шүгүрчүлүк кылбай, улам байысам, башкалардан ашыкча алсам-жутсам деп, ач көздүктө жашоо. Бирөөлөрдүн байлыгына көз артуу.
Кыргыздар ач да, ток да болушкан. Токто бапырап, жадырап бардар. Ачта-жокто да кайрымдуу. Бала-бакыраларын топукчулукка үйрөткөн. Ошентип, топук аркылуу бышыкчылык күзгө, жазда акка жеткен.
Топук тилөө – пендечиликте, бу жашоодо баарына кайылчылыкта аста-секин өмүр өткөрүү, ыйман. Мунун түпкү мааниси адепке барып такалат.
Аттанып түшүү. Бул – адамдардагы чечкиндүү сапаттардан. Атка минүүнүн, аттан түшүүнүн бардыгы, өтмө мааниде, минүү, аттан түшүү, канчалык жеңил болгондой ишти, милдетти, жоопкерчиликти сезүүсү, ачып көздү жумгуча шамдагай шарт аткаруусу.
Аттан түшүп берүү. Бул – адилеттүүлүк үчүн жыгылуусу. Жакшы адамдардын жекече касиетине доо кетирбөөсү, «лам» дебей өз учурунда моюнга алуусу:
Биринчиден, адам атка минип турса, шарт аттан түшүүсү, чылбырын ошого кармата салуусу. Демек, кутмандуу Кыргыз атанын абалтан салтын, наркын бийик сактай билүүсү. Ажылдап, талашып-тартышып, бет тырмоо болбосу, калп адилеттүүлүктү издебөөсү.
Кыйытып айтуу. Кыргыз эли кеп-сөзгө чебер. Бирөөгө бир ойду түшүндүрүүдө бир эле түрдүү сөздү түз айтпай, акырын ага толук туюнтууга жеткидей мааниде астыртан өзүнүн талап-максаттарына жетүүлөрү.
«Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук» деген макал буга толук үндөшүүсү.
Төшөк тартуу. Бул – адамдын ооруп калуусу. Ошого карата дары-дармек ичүүсү. Аны айылдаштары эртеликеч келип көрүүсү. «Кандай болуп калдың?» дегендерге оорулуу: «Жакшымын» – деп, жооп берүүсү. Кыргыздар ооруса да өтө чыдамдуулугу жана шек алдырбоосу. «Ооруп жатат», «онтоп жатат», «жөнүкпөй койду» ж.б. сөздөргө караганда адептүүлүгүн сактоосу.
Жалпак олтуруусу. Бул – кыргыз элинин айкөлдүгүнүн бир белгиси.
Биринчиден, келген элге пейилди кенен салуусу, жайлантып олтургузуусу;
Экинчиден, ал адамдын кеп-сөзүнө кулак төшөөсү, шашпай, жай олтуруп маселени чечип алуусу;
Үчүнчүдөн, анын конок болуусу;
Төртүнчүдөн, кутмандуу калкыбыздын каада-салтында аттан түшкөн, үйгө кирген жанга мүмкүн катар жок дегенде даам таттырып кетирүүсү…
Келберилик. Бул – Кыргыз атадагы жагымдуу салттардын бири, «тур нары», «жүр нары» өңдүү терс сапаттардын карама-каршысы. Элибиздин ар дайым эшигинин ачыктыгы, жайган дасторконунун кенендиги. Кел, бери бас, үйгө кир, даам тат. Келберилик – ата-бабадан калган сыйкордук, кааданы-наркты сактоочулук. «Кел демек бар, кет демек жок» калкыбыздын түпкүлүктүү касиети, ариети.
Бата берүү, бата алуу жана бата тилөө. Биринчиден, адаттагыдай, тамактан соң батаны бала, анын эң кенжеси туруп тилейт. Бата тилөө – өтүнүүсү, келечеги үчүн жакшылыкты күтүүсү, ага ишенимдүү кароосу;
Экинчиден, бата берүү – кутмандуу карыялардан жана набаттуу байбичелерден бата суроосу. Т.а., алардын берген баталары – кийин-соң дал өзүндөй болуусу. Жаштын тилегине жетүүсү;
Үчүнчүдөн, үйдүн уул-келини катар туруп, бата тилөөсү, келечекте бир максаттуу ишке жароосу, кабыл болуусу.
Суу куйган балага:
«Бакайдай көсөм,
Жээрендей чечен,
Манастай кыраан,
Чыңгыздай чыгаан бол».
Жаш жубайларга: «Улукмандай уул,
Умайдай кыз тапкыла».
Ымыркай кызга:
«Жылдыздай жаркын чырай бер
Күндөй ысык ырай бер,
Тал чыбыктай сымбат бер,
Кылыгын жандай кымбат бер».
Күйөөгө узатар кызга:
«Ортоңордон от жагар,
Опосуздар болбосун,
Барган жериңерде
Бакыт-таалай орносун»…
МҮНӨЗ-САПАТТАРГА СЫН
Адам баласында «Ар киминде бир кыял, ал кыялды ким тыяр» дегендей, эркек-ургаачыларда бирден кыялжоруктары бар. Андай жекече касиеттерин – киши мүнөздөрүн төмөнкүдөй мүнөздөөнүн таанып-билүүчүлүк мааниси бар.
Сары эсеп – адам мүнөзүнүн бир тыкыр түрү. Ал баскан-турганынан «чыгым чыкты» деп санап турушу аркылуу башкалардан айырмаланат. Жанынан бирдеме кетип каларын, ал өзүнө зыян экенин алдын-ала билип-туюп карыш жылбайт. Аны эл: «О, кокуй, ал эмгиче эсептеп койду, андан жарытылуу бирдеме чыкпайт»,– деп турушат. Сары эсеп сараң, кызыл кулактарга жакын.
Тобокелчи – алды-артын анча ойлонбой, ал үчүн анча жан кыйнабай, өзүн өзү эркин сезген адамдын мүнөзү.
Алар: «Тобокел тууду», «Бара көрөбүз», «Корккон да кудай дейт, коркпогон да кудай дейт» – деп, олжолуу болгонго да, олжосуздукка да кайыл. Барга-жокко бирдей караган адамга мүнөздүү.
Бүйрө. Өзүн тыкан кармап, киреше-чыгашага сарамжалдуу болуу. Бапырап-тапырап, берешен болуп кетпейт. Баскан-турганы орундуу, мамиле-катышка өзүнүн жолун билет. Зыңкыйыңкы тартып, кийим-кечени да өз боюна тандап, чектеп киет. Муну адамдык мыкты мүнөздөрдүн бири катары кароого жарайт.
Сылык – адамдын оң касиеттеринин бири. Ал чоң-кичинеге, улуу-кичүүгө, мансаптуу менен карапайымдарга бирдей мамиле жасоочу. Анысы абалы сөзүнөн баамдалат. «Сиз» деген – сылык сөз, «сен» деген – сенек сөз дегендей, анын сөзү сыйда, баскан-турганы орундуу көрүнөт. Жүрүш-турушу башкаларга үлгү боло алат. Муну сыпайы адам менен алмаштырууга болот.
Кыйды – адамдык терс мүнөздөрдүн бири. Дайыма танып турат. Баскан-турганы арамзалыктан айырмасы болбойт. Алды-артын качырып жүрөт. Митаам менен алмаштырууга жарайт. Экөө биринин мүнөзүн бири кайталап турат. «Суусардын изин баспайт» дешет андайды.
Кыянат – пайдасынан зыяны оодук. Жүрүп турган ишке, оң таасирге өзүнүн залакасын тийгизет. Ичтен бүлдүрүп, ийгиликтүү аракеттерди иритет. Ичи тар, жакшылыгы жок, адамдык сапаты терс, кара мүртөз, кара өзгөй адамдардын мүнөзү биринин акмакчылыгын бири толуктап алат.
Шыпыр, калпычы – адамдын терс сапаттарынын бири. Мындай адамдар каратып туруп калп айтып карап турушат, туура эмес айтып басып кетишет. Сөздүн толук маанисинде алганда, алар бир нерсени сөзсүз аткарам деп жалтанбай айтат да, мындай чыга беришет. «Ал ошондой шыпыр болуучу» деген атка конушат. Калпычы-шыпыр, алдамчы – бир мүнөздөгү жексурлар. Кээде анын шыпыр экенин билип-туюп туруп, сызга отуруп каласың.
Жылпыш. Бул – кандайдыр мүнөзү жумшактай сезилип, ич ара байланыша келгенде эле туруксуздугун көрсөтө коюучу адам. Адатта, андайлар бир чети өңдүүтүстүү келет. Кийимдери да алгылыктуу көрүнөт. Эрки бошураак, «алдасам» деген ою ордунан чыкпайт. «О, кудай урган, жылпыштаган неме экен. Убадаң талаага кетээр бекен?! – деп, адам өзү эле коомайланып турат.
Такымчы. Бул – бергенин, өткөргөнүн, жасаган соодасын өндүрүү үчүн, жан алакетке түшкөн адамдын мүнөзү. Ал артыңдан-алдыңдан калбайт, алары колго тиймейин жаны тынбайт. Бул бучкакчыл деген маани берет. Бирдемени аягына чейин түшүп алууда улам такып, улам сурап, улам бышыктап туруучу пенде.
Мылжың адамдык мүнөздөрдүн начарларынан. Кепсөздүн маанисин түшүнө-билбеген, түшүндүрө айта албаган, ырааттуу ой түйүнү жок, туруксуздугун сырткы турпатынан да, өңү-жүзүнөн да көрсөтүп коё турган адамдын түркүмү.
Кежир – адамдык мүнөздөгү терс көрүнүш. Тил албаган, башкалардын кеп-сөзүнө ынанбаган, өзүнүн оюнун баркына, баачасына жетпеген, оң жыгылгын десе, сол жыгылган пенде. Ал – тил алчаактын карама-каршысы.
Какшыкчыл (Кер какшык) – бул бирөөнү шылдыңдоо, келеке кылуу, сөз менен чымчылоо максатында акырын жылдыра мактап, кекээр сүйлөгөн, б. а., какшыктап сүйлөгөндү жакшы көргөн адам. Какшык айткандан алар ыракат алып, табасы канат.
Кырс – өзүнүн оюндагысындай болбогондорго карата сыртын салып коюу. Бул кичине мансабы барларда арбын жолугат. Кырстык андай адамдарга жанаша да, жараша да түшөт.
Орой. Адамдагы жагымсыз мүнөз. Бетке чаап айтуу, улуу-кичүүгө, үйдө кимдер отургандарга карабай, үнүн бийик чыгаруу. Албетте, андайлык адеп эмес. Оройго адам оңой менен даай албайт. Шагым сынып калабы деп ойлойт.
Оолукма – бул туруктуулугу жок адамдарга карата айтылат. Бир сөздө, бир орунда турбаган, бир жерде конуш албаган өзүнүн эрк-акылын эркине багыштаган адам. Андайлар кетем дегенине кетет. Барам дегенине барат. Ал жээликменин бир түрү.
Шылуун. Бул шайдоот мүнөздөгү адамдардын тобуна кирет. Оң-тескери мүнөзү бирдейлер бар. Алам дегенин алат, жулам дегенин жулат. Бөркүн алып кел десе, башын байланып келүүчүлөр мына ушулардан чыгат. Кыскасы, алар – жегичтер-шылуундар, көбүнчө башкалардын эсебинен өзүнө артык жем арттыруучулар; байланып кет десе, артынып кетүүчүлөр.
Куйту – тескери мүнөздөгү адам. Мындайлар эки адамды бири-бирине чагымдайт. Бийликтегилерге ичтен кошомат кылат. Ошол чагымы аркылуу күн көрөт. Айрымдар ошондой сапаты үчүн өз кызыкчылыгына пайдаланат. Куйту – көшөкөрдөнүү, элдин эң коркунучтуу душманы болуп эсептелинет. Мүлтүлдөк адам ушул топко кирет.
Көйрөң – эр мүнөзүнө кирет. Бул сылаңкорозго жакындашат. Анын көйрөңдүгү, баскан-турганынан, минген атынан, кийим-кечелеринен баамдалат. Ошолор аркылуу адамдардан айырмаланып келет. Өзүнүн көйрөңдүгүн, жеңил кыялдыгын өзү билгизүүгө атайын аракет-кыймылда болот.
Кыз кыял. Бул – адамдагы жакшы мүнөз. Эркек-ургаачылардын табиятындагы үлгү болорлук көрүнүш. Орой, тажаал, тайбас, таскак өңдүүлөрдүн тескериси. Көбүнчө улан, жаш жигиттерди кыз кыялга салыштырабыз. Мунун бир чети – уялчаактык. Мындай адамдардан назиктикти, коңурдукту, адептүүлүктү, ыймандуулукту, тазалыкты күтүп турабыз. «Ал – жигиттин гүлү» деген сымал ойпикирлер мына ушундай адамдарга карата айтылат.
Коркок. Мунун бир мүнөзү суу жүрөк. Бул – табиятындагы көрүнүш. Жалгыз басуудан коркуулар бар. Түн ичинде эшикке чыгуудан коркуулар бар. Бала кезинен бирдемеден чочуп калып корккондор бар. Өлүктөн корккондор болот. Жаш чагынан жүрөгүн майтарып, коркутуп коюулар болот. Коомдук мүлккө кол салуудан, аны өзүнүн менчигиндей жеп-ичүүдөн, бирөөлөргө ушатуудан коркуулар бар. «Ал кудай урган, бирдеме кылуудан коркот», «Жедеп суу жүрөк болуп калган» сыяктуу кептер айтылат.
Чоркок – эчтекеге эби жок, жан бактылык мүнөз. Кара жумуш кыла албайт. Оңтойлуу бирдемелерди кармай, оңдой албайт. Чоркок бирдеме жасоого, үйрөнүүгө, окууга, үй-тиричилигине кол кабыш кылууга өзүнүн эби жоктугун, солдоюп тура берип, турмуштан куржалак экенин көрсөтүп коёт. Мындай сапаттар эр-аялда тең болот.
Сараң – адамдардагы терс мүнөздөрдөн. Уламыштарда чык татырбас Чынарбай, Карынбай өңдүү сараңдар тууралуу айтылат. Колдо бар туруп, ажат ачпоочулук, сокур тыйын үчүн бүгүлүп түшүүчүлүк. «Дүнүйө бир тыйындан куралат» дечүлөр. Сараңдык мүнөздөр көбүнчө байларда жаралат. Тууган-урук, жээк-жааттарга чык татырбайт. Өз малын аяп минбейт. Арык-торуктарынан, өлгөнүнөн союп жейт. Малын аяп, туз да бербейт. Конок келсе качат, же ооруп калат, өзүнөн чоң чокой кийип, тиричиликтеги бардык ишти шордуу аялы бүтүрөт. Малынын туягын да, тамагын да аяп, башкаларды оокатын кылдырууга жумшабайт. Сасык бай, сараң бай, колтукчу бай мына ушулардан чыккан.
Көк (көк бет). Мунун оң сапаты бир ишти аткарууда, ая гына жеткирүүдө кастарын тигип, башын байлап коюучулугу. Бул эр мүнөзү катары бааланат. Бирок ургаачыларга көктүк жарашпайт. Эринин ырысын кыркуу, үйдүн кутун кетирүү катары бааланат: Эркектерге деле ашкере көк беттик, ашыра эле көгөрүп калуучулук да анча жарашпайт.
Кенебес – адамдардагы шалаакылык мүнөздөрдүн бири. Ар нерсени учурунда барк албоо, күндөлүк турмуш-тиричилик үчүн түйшөлбөө, «баары ушундай болот» өңдүү өзүндө белгисиз сезимге жетелетүү. А мүмкүн, бул эринчээктикке, аңкоолукка, жан бактыга барып такалат.
Кеп жебес – адамдагы терс мүнөз. Бирөөлөрдүн айткандарына кошулбаган, өз оюн түк бербеген адам. Оң сөзгө тескери жооп ыйгарган, өзүнөн оңдуу акыл чыкпаган пенде. Бул кежир, макоо мүнөздөгүлөр менен тутумдашат. Кеп жебес – кепке-сөзгө конок бербес адам.
Көрө албас – ичи тар адамдарга таандык сапат. Бирөөнүн иштерине ийгилик каалабайт, көргүсү да келбейт. Атайын ал жактан четтеп өтүп турат. Бирөөлөргө терс ой-пикир айтат. Ниети таза эмес экенин өзү эле билдирип коёт. Бул негизи кызганчаак, арампороз, кара өзгөй сымал мүнөздөр менен жакындашат.
Жалакай – чабал мүнөз адам. Көзгө токтомдуу, көңүлгө тете аткарганы болбойт. Ар нерсеге тийди-качты, башын баштайт, аягын таштайт. Аны аткарууга алы да, эрки да келбейт. Ач-токко да, ысык-суукка да, бар-жокко да байымы жок. Туруктуу жумушу болбогон, көпчүлүктүн ичинде эптеп күн көргөн жан.
Элпек – адамдардагы мыкты касиет. Элпектик, ак көңүлдүүлүк, пейили тазалык, кары-жаш болобу жумшаган жакка дароо аттанып кетүүчүлүк, ар ишти өз учурунда, оңтоюна келтире бүткөрүүчүлүк анын адамкерчилик сапаты болуп саналат.
Момун – бул бирөөлөргө кылча зыяны болбогон, өз оокатын өзү кылган адам. Момундуктун бир аты – жооштук. «Кудай момун» дейбиз. Көптүн арасында куудуңшумдугу жок, коймаарек жүрө берүүчүлөр. Бирок ашкере момундук адамга зыянын тийгизет.
Копол – анын бир сапаты олдоксондук, иш-аракеттери, баскан-турганы сыйда эмес. Аткара турган нерселерин өтө одоно жүргүзөт. Адептүүлүгүн анча үйрөнө албагандар. Тигил-бул жумуштарга шымаланып кете албайт. Коомайлана четтерээк көрүнөт.
Дөдөй – адамдын терс сапаттарынан. Түшүнүгүнүн, ой жүгүртүүсүнүн начар көрүнүшү. Түшүндүрө да албайсың. Түшүнүүгү чама-чаркынын жөндөмсүздүгү. Логикалык жактан начарлыгы. Бир сөздү айтып баратып, башкага чалып кетүүчүлүк. Кээде өз оюн, пикирин туура табуучулук.
Чыйрак – адамдагы шайдоот сапаттардан. Өзүн жыйнактуу, тыкан алып жүрүүчүлүк. Ар ишке жөндөмдүүлүк, шамдагайлык кылуучулук, өз убагында бүтүрүүчүлүк. Тың, бышык келип, «Чегедек отундай тырсылдап», жашоо-тиричилигинде өзүн куунак алып кармоочулук.
Илээнди – жашоо-тиричиликке бош, кош көңүл мамиле кылуучулук. Жайбаракаттыкка өзүн моюн сундуруучулук. Ишти баштап, аны жарым-жартылап, таштап коюучулук. Yй тиричилигинде шалаакылык. «Илээнди аял жарытпайт» деген сөз бар.
Сабырдуу. Бул – адамдардагы жакшы сапаттардын бири. Ар нерсеге токтоо мамиле кылуучулук. Майда-чүйдө сезимге ооп кетпөөчүлүк. Ойлонуп, төрт тарабын өлчөп, токтоолук менен маселе чечүүчүлүк.
Ач көздүк – пендечиликтеги жаман адат. Бирөөлөрдөн алсам-жулсам, ошол менин оокатым болсо дечүлүк. Азыркы замандын айрым адамдары, мисалы, сүткорлор, алып сатарлар, кызыл кулактар жасап жаткан не бир терс аракеттер буга далил боло алат. Мындайларды эл: «Көзүнө көр топурак кирсин!» – деп каргашат. Алар эл-журттан бөтөнчө самашат.
Куу – терс сапаттардын бири. Куулук-шумдук эгиз айтылат. Куулануу – бирөөлөрдү сызга отургузуу. Аны айбанаттардын митайымы түлкүгө салыштырат. «Куу түлкү», демек, дароо алдап кетүү. Бирөөлөрдүн мүнөзүндөгү бош сапаттардан пайдалануу.
Жел таман – көбүнчө аялдарга карата айтылуучу терс сапаттардан. Айылчы. Түтүндү түрө кыдыруу, бир орундан жай таппоо. Ушундан улам ушакчы аталуу, өзүнчө эле бассам-турсам деп жээлигүүчүлүк.
Тапан – ар бир сөзгө карата какшык, шылдың, шакаба, мыскыл аралаштыра айткан адам. Мында «кур тапан», «алчы-таасын жеген тапан», «беш-алты абышканы кичирейткен тапан» сымал сөздөр айтылат. Арийне, чоңкичинени көзгө илбей, дайыны жок сүйлөгөндөр да бар. Андайлардын тапандыгынын татымы болбойт.
Мыкчыгер. Бул – адамдардан чыккан аттуу-баштуусу. Мыкчыгер – мыкты чыккан инсан. Өзүнүн элинин билерманы, журтунун башкаруучусу. Айткандарында мыкчыгер – ар нерсеге көзү жетип, айткандары тетик, элин-журтун, уруусун, уругун, бир атанын балдарын, улуу-кичүүсүнө карабай тейлөөчүсү. Башкалары ага моюн сунуусу. Мыкчыгер – калыстыгы аркылуу өзгө-жатка алынган чыгаан адам.
Көр жеме – эркектердеги эң жаман адаттардын бири. Аялынын, бала-бакыраларынын баскан-турганынан, кылган ишинен өөн табуу, отурса-турса да сын тагуу. Кулак-мээсин жеп туруу. Илгери бир зайып эринин ушундай мүнөзүнөн улам «мына кетем», «ана кетем» деп жүрүп, деле эри тажатып жибергенде: «Айтпачы сөздүн бекерин, аз калды менин келээрим» – деп, чыдай албай кетип калыптыр.
Чыр – бул адамдардагы терс адаттардан. Акты кара дечү, иштин чын-бышыгына жетпей, өзүнүн оюн кара өзгөйлөнүп таңылоочулук. Көпчүлүк орундарда, оюн-зооктордо, аласа-береселерде, атайын талаш-тартышуучулукка аттанып түшүүчүлөр. Ушундан улам «Баланча чыр» атка конуучулар.
Баатыр, эр мүнөздөрү. Бул – адам мүнөздөрүнөн анча айырмаланган баатырлардын жекече сапаттары. Эрдин бир мааниси баатыр болуп эсептелет. Баатырларды элжурту жаратат. Алар ошондой адамдары чыккандыгы аркылуу сыймыктанышат. Т. а., элдик улуттук баатырлар, уруу баатырлары, эмгек баатырлары, ар бир аймактын эли-журту үчүн күйөрман баатыр аташкан, баатырга тете адамдары бар. Мына буларды эр мүнөздөрүнөн таба алабыз. Адатта, бул – тирүүчүлүктө адамдык сапаттын ар кылдыгы. Эр жигитке таандык касиеттер эл ичинде түрдүүчө сыпатталышы. «Эр» деген туюнтманын артында көбүнчө сыймыктанууда шарттуу бөтөнчөлүктөр жалпылана айтылат.
Даанышман адамзат пендесинен чыгат. Жаратылыш ага акылды, кооздукту, сулуулукту, келбетти ченебей берген. Төрт тарабы төп келгендер бул ысымга татышат. Пендеде улуттан, ар элден, жерден, уруудан, уруктан, аталардан мындайлар арбын жаралган. Албетте, Кыргыз атадан чыккан элибиздин даанышмандары ондоп, жүздөп саналат. Баатырлардын, журт билермандарынын, эл мыктыларынын бир аты – даанышмандар. Аларга эл-журту, анан жалпы журтчулук сыймыктанат. Ага санжыра-санаттар жооп берет. Кыргыз элинин оозеки тарыхында буга чейин булардын аттары айтылып, XX кылымда терс каармандар катары баяндалып келген болуучу.
Берешен – дүнүйө капарлар, жоомарттык жолунда элге мүлкүн үрөгөндөр. Буга дейре мындай адамдар болгон. Санжырада ар уруунун, уруктун, бир атанын балдарынан мындай адамдар чыккан, алар атайын аттанып-түшүп, журт баккан. Ошончолук алган, кайра элге берген.
Ак маңдай жаркын жана жайдар – эрдин асыл сапаты. «Маңдайы жарык», «ыманы ысык», «жайдары жүз» сымал салыштыруулар буга төп келет. Булар адамды өзүнө тартып, кыз кыял сезилет. Биз мырза десе эле жаштыкты, сөөлөттүүлүктү, дөөлөттүүлүктү, мансаптуулукту эске тутабыз. Чыныгы мырзалар, жалпыга бирдей ыманы ысыктар. «Мына ушулар» «Менин эле өмүрлүк жарым болсо» дечүгө татыктуулар.
Дардаң – жайдарынын карама-каршысы. Эр мүнөзүндө ала көөдөктүккө жакындашат. Бул – ички дараметтерин бүтүндөй сыртка чыгаруучулук, сыр жашырбоочулук. Анын зыянкечтиги болбойт. Адамга жакшылык ыроочулукка даяр. Ал «Дардес», «Дардалактап кетет», «Дардаңбай» сымал сыпаттоолорго эгедер.
Арамза – бул эр мүнөздөгү терс көрүнүш. Митаамдыктын, кыйдылыктын үлүштөрү бар. Аткарылуучу кыймыл-аракеттеринде кытмырдык кылуучулук. Мунун «өгүз арамза», «желке арамза» өңдүү аталыштары бар.
Жалкоо – бул эр жигиттеги терс көрүнүш. Ал жанбакты адамдарга карата айтылат. Бекерпоздор, «жатып ичээриң бар болсо, жардылык жанга тынч экен» дегендер. Аны эл: «Кежигеси кыйылгыр» – деп коёт. Жалкоолуктун сапаты эпкиндүүлүк. Кежир, жөнүк, сыйкы, шалтаң, кайкы.
Сыйкы сыяктуулар эрдин жалкоолук мүнөзүн толуктайт. Булардын касиеттери бир болуп саналат.
Бузуку – бул адамдагы адамкерчиликтин терс көр үнүшү. Адамдардын кыймыл-аракеттеги, жашоо-тиричиликтеги оң жагдайларын солго, эки адамдын ортосуна айлантуу. Ичтен чагымчылык кылуу. Мында «Араларына бузуку аралады», «Ал жеткен бузуку», «Ал адамга жакшылык кылбайт, дайыма ошентип отурат» деген сөздөр артында айтылат.
Жалтаң – эр жигиттеги жумшактык. Туура сөздү бетке айтуудан айбыгуу. Бирөөгө тике сүйлөөдөн жазгануу. Мындайды айрымдар: «Аны музоо кезинде сүздүргөн»,
«Жүрөгүн майтарып койгон», – деп коюшат. Негизи, зыяны болбогон, өз оокат-тиричилигин ойлогон адам катары бааланат.
Кобур – татыксыз кеп сүйлөгөндөр. Басса-турса өзүнчө бирдемелерди айтып, ага да анча маани бербейт, көңүл бурбайт. Ал эмнени айтып атканы тууралуу өзү да этибарга анча албайт. Кобурдун бир аты – бабыр. «А кудай урган өтө эле бабырак бирдемелерди кобурап…» – деп коюшат алар жөнүндө. Уккан-көргөндөрүн элге айтат. Анын кеби анча иликке турбайт.
Айгак – бирөөлөрдүн бүткөрүүчү, бүткөрүп койгон жөнсүз иштеринин бетине чыгуучулук. Ачык айтуу. Ал жөнүндө элге жаюу. «Айтам» деп коркутуу. Айтып коюу, мындайынан ак пейил эр, терс көрүнүштөргө калыс туруу.
Сүткор – жекече баюунун ыгын мыкты билген эр. Сүт – «малдын сүтү», кор – «тойбогон» (малдын сүтүнө тойбогон) деген маанини берет. Адатта, кыргыздарда көк жамырап чөп чыгып, желинде сүт булактап, ал ак жердин чөбү катары бааланган. Айран-сүт көлдөйт. Аны эл ичет, ирегеден ит ичет. Жандын боору агарат, өтмө мааниде айтканда. Сүткорлор – мына ушундан бирди эки, экини төрт, төрттү сегиз, андан он алты, т.а., мал эсеби аркылуу соода-сатык кылуу менен байыган эрлер. Сүткорлор, кызыл кулактар, алып сатарлар – бир мүнөздөгү адамдар. Алар жалпысынан бир түшүнүктү берүүчүлөр. Азыркы коммерсанттар, бизнесмендер – булардын туундулары. Баюу, артыкча жашоо үчүн алдыртан элди алдап, туйтунуу жолун издөөчүлүк. Анын кыныгына кирүүчүлүк. Эрлердеги мерездик, таш боордук, таш жүрөктүк өңдүүлөр эр мүнөзүнүн терс жагдайларын эске салат.
Ат качырбас боз айгыр. Эл улуу сынчы, улуу калыс. Карыялардын алдыртан айткан акыл-ойлору – эр-азаматтар, калк баатырлары үчүн үлгү, тыянак, мыйзамченем. Бул айрым аймактарда: «Ат качырбас боз айгыр» – деп да айтылат. Илгери «ат жакшысы боз, эр жакшысы көк» дечү. Ушундан улам «ат качырбас» адамкерчилиги артык, чоң-кичинеге бирдей, теңиз, айкөл, бардыкка сүйкүмдүү кишилерге, эл мыктыларына, калк кайрымдууларына карата багышталган.
Баш койкоң – атагы алыс-жакынга бирдей угулуп, бардыкка даана таанымал сынчы ушундай аталган. Эрге таандык Берен, Барак (жаалуу Барак, Өөк барак), Кунарлуу булбул, эр чечен, жетик сымал мүнөздөр оң мааниде, айрымдары өтө даңазалуу айтылып келүүдө.
АДАМДАГЫ АЙРЫМ ЖАГЫМСЫЗ САПАТТАР
Бул жарык дүйнөгө адам баласы төрөлүп, эс тарта баштаганы жашоонун күндөлүк тартибине моюн сунууга, оң тарапка бурулууга милдеттүү болуп эсептелет. Адамга адам – сынчы, тарбия-таалим берүүчү, өзүнүн башынан өткөндөрүн үйрөтүүчү, нускоочусу. Ошон үчүн атаны көрүп уул, энени көрүп кыз, аганы көрүп ини, эжени көрүп сиңди өсүп келгени – жеринен көрөңгөлүү адат. Ал көргөнү-билгени адептүүлүктү, ыймандуулукту туюнтат. Эгер бала-бакыра билбестиктен бирдемелерди жасап койсо, аны көрүп-билип тургандар терс көрүнүштөрүн эскертсе, илгери эрөөнү-төрөөнү болбогон. Кайра билбегенин билгизгени, туйбаганын туйгузганы үчүн ыракматын кабаттап айтуучу. Китепте жазылбаган, мыйзамда өлчөнбөгөн андай эрежелерди журтчулук элдик салт, адат катары түбөлүктүү сактап келген. Ошондойлордун айрымдары азыр баамдалышы ыктымал. Бирок байкап, үндөктөп, үйрөтүп, тескеп туруу зарыл.
Мурунду чукуу. Көпчүлүктүн көзүнчө мурунду сөөмөй аркылуу чукуу – өтө уят. Муну муундарга айта жүрүү зарыл. «Мурдум эле кычышат, эт жейм го?» деген да кеп бар.
Кулакты чукуу. Адатта, кулак ичи кычышат. Аны ширеңкенин талынын башына кебез ороп, кулакты чукуп, уюп калган кирин алат. Муну өзүнчө отурганда тазалап туруубуз керек. Эл көзүнчө чукуу, тазалоо өз айыбын өзү олдоксон көрсөтүүгө барабар.
Оозду ачып эстөө. Көпчүлүк отурганда кээде күтүүсүз оозду чоң ачып калган учурлар болот. Бул «эстөө» деп айтылат. Чарчоонун, шалдыроонун белгисин билдирген мындай шартта айрым абийирдүүлөр өз оозун өзү күтүүсүздөн баса коёт. Кээде аны: «Аңырдай оозуңду ачып!» – деп, туура эмес көрүшөт.
Чүчкүрүү. Күтүүсүздөн элди карап чүчкүрү да чоң уят. Башты буруп башка тарапка карап чүчкүрүүбүз тийиш. Ошондо «Ак чүч!» дейбиз. Чүчкүрүү ак тилекти билдирет. Бала-бакыралар чүчкүрсө, жакшылыкка жоруйбуз. Кээде чүчкүргөн адам чүчкүргөнүн одоночулук көрүп, отургандардан кечирим сурайт. Негизи чүчкүрүү жакшылыкка жорулган.
Бышкыруу. Уяттуу жерде бирөөлөр бышкырып жиберсе, адамдар: «Ал эмнеге антти? А мүмкүн, бирөөбүздүн айыбыбыз көрүндүбү?» деген ойго чейин барышат. Алар бири-бирин карап калышат. Бышкырган адамды адепсиз катары карашып, «Эмне эле жылкыдан бетер бышкырасың!» өңдүү кыязда болушат.
Ышкыруу. Талаа-түздөрдө, мал-сал айдап жүргөндө ышкыруу, бирөөлөрдү ышкырып чакыруу анчалык эрөөнтөрөөн эмес. Көпчүлүк жерлерде бирөөлөр аңгеме учугун саптап жатканда, айрымдар ышкырып турат. Албетте, ал одоно угулат, көрүнөт. Ал көпчүлүктүн сөзүнө кулак салбоо, көңүл бөлбөө, адеби жоктук болуп саналат. Андайды: «Тишиңе таш тийгир, ышкырбай отур!» – деп, жалпы эл жактырбайт. Жалпы элдин кыжыры кайнайт.
Түкүрүү. Адам какырбай да, түкүрбөй да коё албайт. Айрымдар муну адатка айлантышат. Басса-турса чыйт түкүрөт. Ооздогу шилекейди чийдей кылып алыс сызыкта түптүз кылып коюлар, өнөр көрүүлөр бар. Көпчүлүктө адамдын өзүн кармоо адеби бар. «Ой, какырынбай, түкүрүнбөй отурчу» – дейт. Какырыгын, түкүрүгүн, чимкиригин көрүнгөн жерге таштоочулук, аны көпчүлүк көрүү – өтө одоночулук. Жуунуп, таранып жатканда чыгаруу керек. Какырык-түкүрүктү көмүскө, буруу жерге таштоо адептүүлүк, сыйдалык болот.
Сагыз чайноо. Илгери сагыз карагайдын чайырынан жасалган. Аны чайноодо жыпар жыт уруп турган. Кызкелиндердин сагызды элдин көзүнчө алчаңдатып чайноосу аябай уят көрүнгөн. Анда тишти тазалоодо чайыр сагыздын мааниси өтө чоң болгон. Андан тышкары жыпар мончокту чайнап, көкүрөккө бүркүп койгондо ооз да, тиш да, бүткөн бой да жагымдуу жыттана турган. «Жыты жыпар жыттанып» деген сөз бар.
Тиш чукуу. Тамак-ашты жегенден соң тиштин араларын тазалап, аны талаптагыдай күтүп жүрүү үчүн арчадан жукартып, атайын тиш чукуур жасап, жандарына ала жүрүүчү. Шарият боюнча тишке тыгылган этти жутпай түкүрүүчү. Тишти эл көзүнчө чукуп отуруу жаштар, төтөн, кыз-келиндер үчүн кулакты чукуудай, мурунду чукуудай анча адеп эмес. Канткени менен отуруп тишти тазалоо абийирдүүдөй сезилет.
Кекирүү. Албетте, адам баласы кекирбей, жел чыгарбай тура албайт. Мында да элди көзгө илүүбүз, сырт жакты карап сыпаа жел чыгаруубуз, кекиришибиз абзел, жыты элге урбагандай болуусу тийиш. Адатта, кекирип жаткан бала-бакыраны: «Аш бол!» – деп коёт. Бозо, ачкыл жарма, кымыз өңдүү угуттуу, ачыткылуу, көрөңгөлүү тамактар кекиртүүгө шарт түзөт. Кеп улуу-кичүүлөрдүн алдында адепти сактоо, уят болбоо тууралуу бара жатат.
Шыбырашуу. Мунун да ар кандай жагдайы бар. Одонороок сөздү көпчүлүк алдына чыгаруу, албетте, кополдук. Адамдар ар кандай ойлойт. Бирөөнү кайра-кайра карап шыбырашуу андан бетер кополдук. Ал бирөөлөрдүн айыбын чукуп жаткандай, аны келеке кылып аткандай сезилет. Ич ара күлүп калуу да ошондой ойго алып келет. Улуу-кичүүлөрдүн арасында отурганда шыбыр-күбүрдү этияттап жүргүзүүчү. Андайда ар ким өзүнө алуучу ниеттер пайда болбоо керек.
Жалжактап күлүү. Орундуу айтылган, күлкү чыгарган куунак сөздөргө күлүү, арийне, ырахат! Улуу-кич үүлөрдүн ортосунда отуруп, бирөөлөр жалпыга жагымдуу сөз айтып атканда кайра-кайра жалжактап күлүү чүлөрдү, маңыз сөз сүйлөөчүлөрдү, көпчүлүктү көзгө илбөөлөрдү жактырчу эмес. Андайларды «ажыкыз» деген атка кондурган.
Сөөмөйдү кесөө. Адамкерчиликте сөөмөйдү көзгө такоо, муштумду түйүү, бирөөгө сурдануу, ызырынуу, албетте, өтө бейбаштык. Деле сөөмөйдү соройтуп бирөөлөргө карата сүйлөө, өзгөчө ургаачыларга андан бетер одоночолук. Адатта, колду жаңсоо бар. Анда алаканды жая жайбаракаттыкта кеп салуу жөнөкөйлүктү туюндурат.
Көз кысуу. Мунун ар кандай кырдаалы бар. Улуу-кичүүлөрдүн ортосунда бирөөлөр менен улам көз кысышып отуруу башкаларга одоно көрүнөт. Ал эмнеге көз кысышат деген оңтойсуз ойлор келип чыгат. Көз кысып, көпчүлүктүн ичинен бирөөлөрдү алдыртан чакырып кетсе болот. Ал аркы-беркини сүйлөшүп отургандарга анча одоно туюлбайт. Бирөөлөрдү антип чакырууда да адептүүлүк сакталган.
Бирөөнү тууроо. Мындай көрүнүш жалпысынан алганда одоно көрүнүш. Пендечиликте ар жандын оң-тетири тарабы болот. Кемтик-сөлтүк жактары сезилет. Ошонун басканын-турганын келекелеп тууроо – аны кемсинтүү. Арийне, адамдардын ар кандайы жолугат. Бирөөнүн көзүн, бирөөнүн бутун, бирөөнүн үнүн, бирөөнүн жалпы эле кебете-кешпирин антүү – аны басынтуу, тыңсынуу, анын баркын төмөндөтүү. Тууроонун экинчи түрү бар. Бирөөлөрдүн кыял-жоругу, басканы-турганы ага алымдуу-жагымдуу көрүнүшү ыктымал. Так ошондой болууга аракеттенет. Тууроого түрткү адамдын жекече сапаты кандай? Экөө мүнөздөшпү? Негизи, ички бай дүйнөң, табигый идирегиң өзүңдө болмоюн, бирөөлөрдү тууроо, идеал тутуу анчалык жакшы сапат эмес. Ал эми бирөөгө таасирленүү башка. Мындай жөнтөк ишке таасирленүү, таалимин алуу адамды оңго бурат. Минтүүгө себепкер адамдын жекече касиети бааланат. Илимде, адабиятта, өнөрдө үлгүлүү болор андай кырдаалдар көп болуп келген. «Кимдин таасири тийген?» деген суроого арбын жооптор табылат. Өзүнүн табигый кереметтери аркылуу артынан эчендерди ээрчиткен атагы таш жарып, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанылган инсандар Кыргыз ата тукумунда болуп келген, болуп жатат. Мисалы, таасиринин күчү менен Жеңижоктун, Токтогулдун акындык мектеби, Боогачынын обончулук мектеби, Кара Молдонун комузчулук мектеби, Муратбек Рыскуловдун актердук мектеби ж. б. таалим-тарбиялары кийинкилер үчүн унутулгус нуска болуп кала бермекчи.
Тырмануу-кашынуу. Эт кирдесе, кычыткы, котур болсо адам тырманууга, кашынууга туура келет. Деген менен антүүнүн да орду бар. Катыратып тырмануу, бирдемелерге такап кашынуу эл көзүнө одоно көрүнөрү белгилүү. Антүүгө туура келсе, көзгө далдаа орундарга баруу керек. Көпчүлүктү сыйлоодо, көзгө илүүдө адептүүлүктү тап жылдырбоо зарыл.
Алдыга бутту сунуу. Мында карылар жаштардын алдына буттарын сунуп, жайбаракат отуруунун эрөөн-терөөнү болбойт. Тескерисинче, жаш адам карылардын алдына буттарын сунуп отуруу – уят. Канткени менен алардын жашын, улуулугун сыйлабоочулук. Ата-эне тарбиясын көрбөгөндүк. Карылар баамчыл келет. Андай учурда кичүүлөрдү уяткарып, ата-энелерине наалат айттырып коёт. Антип бут сунуу – текеберчилик, ата-энелерди көзгө илбөөчүлүк. Айрымдар чыдабай кетип: «Бутуңду тартып отур», «Жаш адам антип отурбайт» – деп коюшу ыктымал.
Адамды аттап өтүү. Жаткан жеринде кары болобу, жаш болобу, адамдын башынан, төшүнөн, деле денесинен аттап өтүүчү эмес: «Башыңызды өйдө көтөрүңүзчү, өтүп кетейин», «Бутуңузду тартыңызчы, ары өтөйүн». Адатта, адам эмес, анын төшөнчүсүнөн аттап өтүүгө даай албаган. Андай болбогондо төшөнчүнү өйдө түрүп, ары өтө турган.
Тамакка, дасторконго мурун кол салуу. Тамак алдыга келгенде алдын-ала бата кылып, улуулата кол сунуу – мусулмандыктын ыйык салты, адептүүлүктүн наркы. Улуулар турганда аларды мындай коюп, дасторкондогу даамдарга эч ким кол сунуучу эмес. Мында адегенде куда-сөөктөр, анан ыраты менен меймандар, айыл аксакалдары, ошол үйдүн же бир атанын улуулары кол сунуп, буюрган ырыскысын таткан. Ага карабай чычкылыгы кыстагандарды адепсиз, тарбиясыз, көргөн-өскөнү жаман, «Шодокондун бүркүтүндүй жутунган» деп баалашкан.
Тиштеп жеш. Бул этке карата айтылат. Бычаксыз эт жеш, албетте, өөн учураган. Бычакты оңтойлуу кармап, сыйда кесип, шарттуу сугунуп, аста-секин чайнап, кулк эттирбей жутуу адеп. Эт жеп жатканда ооздон майын чубуртуу, шашып-бушуп жеш адептүүлүккө жатпайт.
Ачуулуулук. Ачуу – жин, терс кыял, ачуулуу – жеке адамдык мүнөз. Ачуулуулук – тескери сапаттардын бири. Терс сезимге күтүүсүздөн жеңдирип жиберүүчүлүк. Жашоо-тиричиликте адам турмушу сыдыргыга салгандай, ойдогудай оң тараптуу, бир жактуу боло бербейт. Капа, кайгы, бир иштерге туталануу, кейип-кепчүүнүн акыры ачууга жеңдирүү, өзүн токтото албай кетүүчүлүк да бар. Кыргызда: «Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен токтот» – дейт.
Кара мүртөздүк – адамдын терс сапаттарынын бири. Ниети жамандыкка чалып туруу. Айлана-чөйрөгө жакшылыгы жок, оң таасирлерге моюн сунбоочулук. Адамдардагы жакшы жолго түшпөө. Ичи тардык, ит кыялдык, табияты менен кошо кетүүчү касиет.
Тажаалдык – адамдагы, айрыкча, аялдардагы терс сапаттардан. Сөз көтөрө, өзүнүн ачуулугун жаап-жашыра албоо, ачыкка чыгарып жиберүүчүлүк. Ачуусу аркылуу дайыны жок ээленип кетүүчүлүк. Муну албуут деп да коёт.
Булардын карама-каршысы – сабырдуулук. Адамдагы оң сапат. Кыргыздар: «Сабырдын түбү сары алтын» – дейт. Мында эркти акыл-ой башкарат. Сезимге жеңдирип коюунун арты эмнеге алып келээрин дароо сезе коюучулук. Оор басырык, токтоолук – адамдардын бири-бирине мамиле кылуусундагы, маселе чечүүсүндөгү, ар кандай иштерди аткаруусундагы мыкты сапат.
Азгырык (Азыткы). Азгыр – бирөөгө буйрук берүү. Азгырык – адамдагы терс мүнөз. Адамды кан жолдон тайдыруучулук. Балдарда окуу, ата-энеге тил алуу ордуна бири-бирин оюнга алдыруучулук, тамеки тартуу, бара-бара ичкиликке үндөө ж. б. у. с. касиеттерге баруучулук. Кумар ойноо – терс көрүнүш. Кыргыз ата тукумуна жат. Бул серт адат. Башкалар аркылуу пайда болгон. Ага карта оюндар, «даттикен» (чүкө оюндары) ж. б. акча, мал-мүлк, жер-суу сайып, бири-бирин тоноочу, кээри кеткен оюндар кирет. Акыры чылым, нашаа тартуу, ичимдик ичүү сымал адаттар да буга үндөшөт.
Кумардын, азгырыктын карама-каршысы, тетириси – өз жолунан тайбоочулук, оң таасир берүүчүлүк, адам болуучу, алдыдагы ойлогон ойго, тилеген максатка умтулуучулук. Коомдун талабын сезүүчүлүк, анын эң керектүү асыл жараны аталуучулук, эл-жер үчүн темирдей тартипти кармоочулук.
Кудайдан ыйбаа кылбоо. «Кудайым бар», «Кудайым төбөдө карап турат», «Кудайды кантебиз», «Теңир жалгасын», «Теңирим, Алла Таала сактай көр», «Кудайым жар болот», «Кудайга койдук», «Кудайдын каарына калып»… Демек, мындай аныктамалардын далили – кудай баарына бирдей дегендик. Баш ийүүбүз тийиш. Бизге жардам берет. Сактансаң сактайт. Мунун адилеттүү жолу – ыйман, адепти тутуу. Мусулманчылыкта Алланын жолунан тайбоо. Ыйман – жүрүш-туруш, шарият жолун тутуучулук. Диндин кан жолунда анын касиетин, ариетин сыйлоочулук. Адеп-ахлак – тарбия-таалим берүүнүн башаты.
Мунун карама-каршысы – динден таюу, журттан безип кетүүчүлүк, селсаяк болуучулук. Бул кудайдын каарына калуучулук. Биз сүйүнөбүз, мында «кудайым берди» дейбиз. Капа болсок, кырсыкка малынсак, «кудайым сактай көр» дейбиз. Элдик каада-салтты, дөөлөт төрүбүздү, мурастарыбызды дал өзүндөй сактоо, жактоо, аны жашоотиричиликке изден тайбай колдонуу – ыйман жана адеп. Кудай, Теңир, Эгем, Алла Таала – бирөө. Ыйман, адеп, биринин сапатын, кереметин бири толуктап, жашоодо жогорку чекке жетүүчү күчкө эгедер. «Ээси бир кылса, Эгем (кудайым) эки кылат» деген накыл айтылат. Кудайдан ыйбаа кылуу – аны сыйлоо жолу.
Зордук-зомбулук, кысым көрсөтүү – адамдардын жашоо-тиричилигиндеги терс көрүнүш. Бирөөгө күч көрсөтүүчүлүк, колдон келет кылып бирөөнүн бирдемесин тим эле тартып алуучулук. Бул бийлик башындагы улуктарда, бай-манаптарда, болуш-бийлерде карапайымдардын убал-сообунан коркпоочулук. Ушундай абалдан улам эл тентиген, тербиген, абакка ак жеринен түшкөн. Кысым көрсөтүү – көрө албастык, бийликке, байлыкка чиренүүчүлүк. Бечара журтту кызыл камчыда кармоочулук. Анын карама-каршысы – эпке келүүчүлүк, адамдар бирибири менен оң мамиледе болуучулук. Боорукердик – асыл сапат. Ошондой сезимде болуучулук. Мындай шартта эл мыктылары, журт жакшылары иргелет. Ал өзүнүн аймагы үчүн күйүп-бышат.
Тайкылык – бул, баарыдан мурда, адамдын акыл-эсинин жармачтыгы. Турмуштук жөндөмдүүлүгүнүн алсыздыгы. Ар ишке сапатсыз мамиле жасоочулук. Yстүртөн кароочулук. Кыймыл-аракетинде одоночулук билинет. Бирдемени баштап баратып аягына жеткире чыкпоочулук. Аларды «кайсар» деп да коёт. Туруксуз элемент катары бааланат.
Шылдыңкорлук. Мында шылдың – бирөөгө уят болуучулук, бирөөнү уят кылуу. Шылдыңкор – адамдагы терс сапаттардан, шылдыңкорлук – ошол терс сапаттардын жалпы, жыйнактуу бир түшүнүгү. Мазак да, мыскыл да бир маанилеш.
Мазактоо – бул мыскылдоо, анан мазакчылык, мыскылдык – синоним сапаттар. Бул жарык жана жалган дүйнөгө адамзат ыңаалап келди. Өзүнө туштук күнүн көрүүдө, суусун ичүүдө. Өзүн өзү алып жүрүүнү, кандай алып жүрүүнү, айлана-чөйрөгө сын көз менен кароону билүүбүз парз.
Чыр-чатак, жаңжал, урушчаактык. Булар – адамдагы терс сапаттар. Биринин акмакчылыктарын бири кайталайт. Жогорудагы айткандардай адамзаттын пендечилигинде коркунучтуу адаттардан. Ал чыр-чатак кылат, жаңжал (жаңжал – чатак, жаңжалчыл – урушчаак) чыгарат.
Мындайлар ыркты бузуучулук, уруштун сөзүн сүйлөөчүлүк. Бир келип-кеткен пендечиликте адамдын жүрөк каны коюу, маңдайдагы ырыс-кешикке нысаптуу, кепсөзгө көтөрүмдүү, ар ишке чыдамдуу, айлана-чөйрөдө өзүн бардардай, бакубат алып жүрүү абзелдик.
Арам дүнүйө, байлык тууралуу. Албетте, бул – адамзат пендесиндеги терс көрүнүш. Таман акы, маңдай тери аркылуу табылган байлык, тамак менен жең ичинен жеңил жол аркылуу табылган көр дүнүйө бирдей нап бербейт. «Байлык – колдун кири» – дейт. Демек, ал опаа эмес. «Арам тамак аш болбойт» дейбиз.
Ушак айтуу. Бул – элдик каада-салттагы терс көрүнүш. Бирөөлөрдүн үстүнөн сөз чыгаруу, жактырбоочулукта чындыкты көбүртүп-жабыртууну өзүнө адатка айландыруу. Апыртмалуу жагдайга, жел тамандар көп басат. Кеп-сөздү көп угат. Аны айтып келүүдө өзүнүн сөз айтуусунда «жөндөмдүүлүгүн» да билдирет. Арийне, мындай жагымсыз маанайга назар таштабоо керек.
Кыргызга эркин мүнөздөмө
Адалдыгы – арамдыкты жеңгендик.
Адамкерчилиги – кайрымдуулук.
Адеби – аялзатты сыйлоо.
Аздеги – ысмын барктоо.
Акылы – макал.
Алиги – бар бол!
Алкоосу – өмүрлүү бол!
Антташканы – кармашкан кол.
Арзыганы – көл,
Аркалаганы – ырым-жырым.
Арманы – кошок.
Аскар тоосу – атасы.
Асылдыгы – карапайымдык.
Асылы – баба сөзү.
Баамчылдыгы – көздөн байкоо.
Байлыгы – эне тили.
Балбаны – ата журт.
Белгиси – көк асаба туу.
Бешиги – киндик кан тамган жер.
Боорукердиги – ата-баба наркы.
Даанышмандыгы – жаратылышка жакындык.
Дөөлөтү – касиеттүү карылык.
Душманы – күбүр сөз.
Жабыкканы – жардычылык.
Жазбаганы – саламдашуу.
Жактырбаганы – жаатташуу.
Жакшылыгы – тирүүлүктү аёо.
Жегени – эт, сүт.
Жек көргөнү – тизе бүккөндүк.
Жеңиши – намысты коргогондук.
Жөлөгөнү – тууган.
Жумшагы – көңүл.
Жыгылганы – сөз.
Жыйганы – жылкы.
Жыргалы – наристе.
Зардыгы – жокчулук.
Ичкени – кымыз.
Кадырлаганы – карылар.
Кайгысы – өлүм.
Кайраттуулугу – намыскөйлүк.
Калысы – калк.
Калыстыгы – чындык. Канаты – ат.
Капасы – баласыздык.
Каргышы – кара жерге кир!
Кармаганы – шерт.
Кеп-кеңеши – накыл.
Керемети – Жер эне. Кесели – жаман уул.
Кечирбегени – чыккынчылык.
Кечиримдүүлүгү – көсөмдүк.
Кордугу – оору.
Корккону – каргыш.
Көтөргөнү – түндүк.
Кубаты – ишеним.
Кумары – куш.
Күрөшү – мээнет.
Күткөнү – сүйүнчү.
Кымбаты – эне. Медери – бала.
Муңу – тагдыр.
Мурасы – керээз.
Мураты – эркиндик.
Мүдөөсү – ынтымак.
Мүнөзү – сабырдуулук.
Насиби – ак.
Насили – тектүүлүк.
Ниети – жакшылык.
Нускоосу – улуулардын салты.
Олжосу – ой.
Опузасы – кудайга койдум!
Отурганы – ээр.
Өзгөчөлөнгөнү – ыр жандуулук.
Өкүнгөнү – өмүр.
Өрнөгү – өнөр.
Парзы – эненин ак сүтүн актоо.
Пейили – меймандостук.
Руху – айкөлдүк.
Саламы – арыбаңыз!
Сагынганы – туулган жери.
Сайраңы – той.
Самаганы – биримдик.
Санаты – санжыра.
Сапаты – калыстык.
Согуму – бодо мал.
Соопчулугу – адамдын көзүн ачуу.
Суктанганы – сулуулук. Сыйлары – куда
Сыймыгы – Ата Мекен.
Сыйы – мейман.
Сынганы – сөз.
Сыноосу – эрдик.
Сынчысы – эл.
Сапаты – уул жакшылыгы.
Сырдашы – досу.
Таалими – улуулардын насааты.
Тазалыгы – кек сактабагандык.
Тамгасы – чамгарак.
Таттуусу – небере.
Таянганы – тоо.
Терметкени – бешик.
Тиреги – намыс.
Тооп жайы – мазар.
Тойгону – топуктук.
Турагы – боз үй.
Тумары – ак калпак.
Тунугу – махабат.
Тутканы – салт.
Тууганы – боордош. Түгөйү – жар.
Укканы – санжыра.
Улугу – каганы.
Утулганы – чындык.
Урааны – Манас.
Урматы – улууга сый-сыпат.
Уялганы – жалкоолук.
Үй куту – аял.
Үйрөткөнү – азоо жылкы.
Ыйыгы – Теңир, Кудай.
Ынанганы – тазалык.
Ырахаты – ден соолук. Эрмеги – комуз.
(Кыргызча кыскача элдик мүнөздөмө басма сөздөн алынды)
КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ
Кыргыздардын эзелтен келаткан улуттук оюндары арбын. Алар ар жакшылыкта, тойлордо, мааракеде, ашта оюн-тамаша курушканды, көңүл ачканды жакшы көрүшөт. Кыргыздарда үч жүздөн ашуун оюндун түрлөрү бар. Алардын негизгилери: ат чабыш, эр эңиш, ордо, күрөш, оодарыш, куш салуу, улак тартыш ж.б. элдик салт оюндары. Жалпы кыргыз оюндары: элдик салттуу оюндар, жоокердик оюндар, жаштардын оюндары жана балдардын оюндары болуп бөлүнөт. Алардын ар бири өзүнчө кызык, тарбиялык таасири күчтүү, денени чыңдоого жана сергек жашап, акыл-эсти өстүрүүгө пайдалуу.
Оюндун түрлөрү: Салт оюндары: бешик ыры, сал билек, тушоо кесүү, акыл оюндары: сармерден, акыйнек, кыз куумай, эр оодарыш, тай жарыш, тыйын эңмей, ат чабыш, улак тартыш, чырга тартуу (мүнүшкөрлүк), эңиш, балбан күрөш, төө чечмей, ак чөлмөк, ак терек-көк терек, алты бакан, аңкилдек, аңчы, аркан тартмай, жамбы атмай, жашынмак, токту сурамай, жоолук таштамай, жөө эңиш, чикит ойноо, жылгаяк тебүү, ийне жоготтум, ит тартыш, кайырмак, куурчак ойноо, жерди сызып ойноо, секирмей ойноо, кара коюм дүмпүлдөк, коён тебиш, колго түшмөй, коон бышты, коон үзмөй, коюма карышкыр тийди, «жылаңач чабышуу», чакмак алышуу, дүмпүлдөк, «таз сүзүштүрмөй», «өпкө чабышуу», «айгыр чабуу», «аялдардын сайышы», «аял оодарыш», упай атышуу, көлгө түшмөй, «Каным, дат!», «уюм тууду», «жедирмек сасымай», куржун, куу түлкү, мышык-чычкан, опол, оромпой тебүү, ортого турмай, өпөң-чычаң, селкинчек, соку жанчмай, сүт ичмей, так орун, таш жарыш, тезек берүү, теке чабыш, токмок, төө жана бото, уйчу, урмай топ, чабалекей, ордо оюну, чөө, чүкө бекитмей, чыбык ат, шабиет, шакек жашырмай, эшек секиртмей, кунан чабыш, дойбу, жөө кунан чабыш, күрөш, салмоор, таш ыргытмай, тогуз коргол, чатыраш, из туурамай, кош аяктап жүгүрүү, таш үстүндө басуу, тушоо менен басуу, тизелеп түртүшүү, эшек тепсемей, баш кийимди ала качуу, жөө жарыш, кубалашуу, узундукка секирүү, чүкө атмай, бычак атмай, жаа атуу, кан таламай, калдым, кыл аркан салмай, кыйык атуу, мангел менен атуу, найза ыргытмай, жыдыкей, артынан уяга топ таштамай, токол эчки, муз тебүү, шаңгы менен тоодон түшмөй, чака тепмей, арканга чыгуу, баканга чыгуу, боортоктоп жылуу, башы менен турмай, элечек чечмей, керме арканда басуу, ат секиртмей, күлүк чабуу, жорго салмай, ат үстүндө топ ойноо, тегеренмей, кылыч чабышуу, муш кетти, теке чабыш, кап тургузмай, таш жылдырмай, корозчо урушмай, тизеде күрөшүү, оонатышуу, манжа жазмай, төө басты, «күзгүбү же таракпы?», така иймей, сокур бүркүт, дем албай туруу, жар издемей, бекбекей, шерик сурамай, жип кесмей, таман тузак, ой табышуу, тузак, кылтак, мылтык менен аң уулоо, тайган салмай, куш салуу, бат айтуу, жаңылмач, табышмак айтуу, учту-учту, айтыш, таар түрмөй, аркан оромой, белбоо чечмей, дөңгөч жаруу, сөөк сындырмай, кыз оюн, укурук салмай ж.б.
Ар-намыстын бийиктиги. Ата салтында кыргыздардын таң-тамашасы жалпы элибизди кумардан чыгара ойноло турган. «Балбан күрөш», «эр эңиш» (эр оодарыш), «улак тартыш» (көк бөрү тартыш), «эр сайыш», «кыз куумай», «тыйын эңмей», «жорго салдырыш», «ат чабыш», «ордо атыш» кыскасы, көбүнчө ат үстүндөгү оюндар ойнолгондо ар-намысыбыз каныбызда дүрбөйт. Делебебизди чыдамсыз козгойт. Отуруп-тура калып же ат үстүндө теминип… Аттан ыргычудай абалга келип… Бул – элдик оюндардын күчү. Төрт дубан элди караткан мындай тамашаларды өткөрүүдө көбүнчө бирдеме сайышып, ортодон мал, дүнүйө ж.б. чыгаруучу эмес. Өз элинин ар-намысын алып бергени – ошол байге алганы. Андайда өз эли-журту кандай сыйлап алат, ал өзүлөрүнүн эрки. Андайлар, албетте, элдик адам катары камкордукка алынат, сый-урматка бөлөнөт.
Мелдеш – ортодон байге чыгарып, тамаша оюндарды жүргүзүүсү. Мунун чыгымын калың элге чачуу. Тарыхый маалыматтарга таянсак аш-тойлорго, мындайларга мисалдар арбын. Кул-күңгө дейре байге бергени бар. «Төө баштаган тогуз», «миң төө», «миң жылкы» саюу салты болгону айтылат. Азыр бардык беттешүүлөр-мелдештер байге берүү менен чектелет.
Салттык оюндар. Салттык оюндары түрдүүчө тарыхый шарттарда, кандайдыр бир себептен улам чыгып, ойнолуп калгандыгы тарыхый болумуш иш. Бирок анын уламышка өтүп көркөмдөлүп айтылып келиши кыргыздын көркөм адабиятындагы табылгасы эсебине кирет. Ошого оюндардын чыгышы жөнүндөгү уламыштар башка түрдөгү уламыштар сыяктуу эле ошол оюндардын тарыхын ошол боюнча төкпөй-чачпай улам айтып келген. Тарыхтын өзү болбостон, ошол тарыхтын томунун көркөмдөлүп иштелген адабият экенин оюндардын уламыштары да мифтик, апыртмалуулук көркөм элестетүүчүлүк каражаттар менен камдалып айтылып, уланып калган уламыштар экенин айтып койгон оң. Кыргыз оюндарынын түрү көп, ошого жараша айтылып калган уламыштар көп.
Ортоңор толсун. Кыргыз элинин таң-тамашалары көп. «Ордо атуу», «упай оюну», «тогуз коргол» жана башка ич ара мелдештер жүрөт. Илгери мындай оюндарды ойноодо арадан төө, жылкы, уй, кой-козу, эчки-улак өңдүүлөрдү байгеге сайып, оюнду жандуу жүргүзүүчү. Андай учурда алар менен учурашууда саламчылар: «Ортоңор толсун» – деп, айтуу салты бар. «Бул ким утса, ал утсун» деген калыстык сөз. Демек, тургандар, оюнга күйөрмандар уткан тараптан соогат өндүрүп алышкан.
Элдик мелдештер. Уюткулуу кыргызда мелдеш – тубаса өзүнчө ар-намыс. Ат чабуу, балбан күрөшүү, ордо атуу, эр эңиш, бута (жамбы) атуу, аркан тартуу, тогуз кумалак, упай, жөө жарыш… Мындан башка биз айтпай кеткен сонун-сонун оюн-зооктор элибиздин дөөлөтүн, сөөлөтүн укмуштай арттырат. Андай мелдештерге (жарыштарга) айыл-айыл, урук-урук, уруу-уруу, ортосунда мелдештер кирет. Кийинки чактары район-район, област-област ж.б. республика-мамлекеттер менен ич ара мелдешке чыгуубуз бар. Бул боюнча заманында да таң-тамаша мыкты өткөрүлгөн. Ошол салттар азыр да жанданууда. Бул эл-журтубузду, келечек муундарды патриоттукка үндөйт.
Мелдеште байгелер коюлган. Аларга төө баштаган бир тогуз жылкы, уй, топоз, кой-эчки жамбы (күмүш, алтын) аң терилери, ат жабдыктары, акча, боз үй ж. б.
нак турган. Буларды калыс даекчилер кармап тараткан.
«Манас» эпосундагы оюндар. «Манаста» кыргыздардын ар түрдүү элдик оюндарды камтыган сюжеттер да арбын. Анда тогуз коргол, топ таш, чатраш, ордо, упай, ж. б. оюндар жөнүндө маалыматтар берилет. Эпосто кыргыз элинин эң жакшы көргөн ат оюндары жөнүндө өтө кеңири айтылат: ат чабыш, жамбы атмай, эр эңиш, эр сайыш, күрөш ж.б. эпостун ар бир бөлүмүндө өзгөчө аздектелип сүрөттөлөт.
Оюн ырлары. Кыргыз элинде толуп жаткан элдик оюндар болгон. Алар да кыргыздын чарбачылыгына, коомдук түзүлүшүнө байланыштуу жаралып өнүккөн. Аларга «Элден-элден эл чабар», «Аксак кемпир бапалак», «Токту сурамай» оюндары кирген. Ал оюндардын ар биринин түрүнө, мазмунуна ылайыктуу сөздөрү жана ырлары да болгон. «Дүмпүлдөк», «Шабият», «Коон үзмөй», «Элденэлден эл чабар» өңдүү оюндардын мазмуну көчмөн элдин жоокерчилик турушун, чабуулдарды, коргонууларды түшүндүрөт. Эң обол бул оюндардын өзүнө тиешелүү ырлары, сөздөрү болуп, кийинчерээк ырлары кыскарып же сөзү жоголуп жөн гана ойнолуп калган. Кыргыз элинин «Ак чөлмөк», «Селкинчек», «Жоолук таштамай» өңдүү оюндары бүгүнкү күндөргө чейин жеткен.
Сармерден. Бул – отуруш куруп отургандардын (шерне, деңгене, жоро, майрам ж. б. оюн-зооктордо) ирээти (катарын бузбай) менен ырдоолору, тамаша куруулары. Сармерденчилердин баарынан эле ырчылыкты, шайырлыкты талап кыла бербеши бышык. Мында отурушту жандандыруу, бири-биринин назарын ала, көпчүлүккө бөлө, анын ички сырын көрө отуруу. Сармерден аркылуу шайырлар тарбияланган. Көңүлдөрүн өстүрүүгө шарттар түзүлгөн. Ынтымакташуу-ырасташуу жаралган. Жаштардын таанышуулары, жар күтүүлөрү пайда болгон. Албетте, сармерден отурушунда кыргыз жаштары арак-шарапка алданбай, жөрөлгөлөрдүн нугун сактап, андан ары өнүктүрүү вазийпалары жаткан. Мында ырдай албай калгандарды тамаша ирээтинде тамак ичирет ж. б. жазаларды беришет. Анда эч кандай таарынуу болбогон.
Кыргыз-казак эгиз элиндеги бир бөтөнчөлүк – жамак курамын өзүнүн учурунда чукуй таба билген. Ич ара эргүүлөр ошондо пайда болот. Албетте, андай бөтөнчөлүктөр алмадай башка айкөл «Манас» бүт баткан, кийинки кенже эпосторду да жатка айткан элибиз үчүн анча деле таң калуучу, тамшана берүүчү көрүнүш эместир.
Сөзмөр карыя адамдарга чөйчөк сунуп, кызыктуу санжыра, накыл-насыят, «Манас» ж. б. жомок өңдүүлөрдү айттырып алууга болот. Негизи, сармерден айтуу, ырдоо жаштарга таандык. Арийне, кыз-келиндердин, улан-жигиттердин, м. а. бозой-селкилердин андай отуруштарында убакытты көңүлдүү өткөрүшкө айла-амалдарды ойлоп табышкан. Мисалы, отуруштун милдетин өткөрө албаса, же эрежелерин бузса, отуруштун жасоолу «билектен шап алышуу», «укуй алышуу», «төө мантек алышуу», «чекеге чертишүү», «кара казан куюу» (көмүрдү эзип, ошону чекеден ылдый куят) ж.б. тамаша оюндарын жүргүзөт. Албетте, мындайда жаштар терикпейт. Анын ар кандайын көтөрөт. Мындан арасынан элдик таланттууларды табууга, аларга назар таштоого мүмкүнчүлүк болот. Улуу муундагылардан ырчылардын, жомокчулардын, комузчу-чоорчулардын, санжырачылардын ж.б. эл шайырларынын талант асыроо мектеби мына ушундай орундардан чыккан.
Элдик оюндар: Кыз куумай, той жарыш, ат чабыш, улак тартыш, чырга тартуу, балбан күрөш, төө чечмей, жылаңач чабышуу, таз сүзүштүрмөй, өпкө чабышуу, айгыр чабуу, аялдардын сайышы, аял оодарыш, теңге тиштөө, жедирмек, сасымай, куржун, соку жанчмай, ордо, кунан чабыш, элечек чечмей, күлүк чабуу, жорго салмай, бекбекей, куш салуу, айтыш, аламан байге, ит агытуу, көк бөрү, эр оодарыш, балбан күрөш, ит агытып, куш салуу, тогуз коргол, таз чабыш (таз салыш), чоң чабыш, кунан чабыш, упай атышуу, тай жарыш, дойбу, күрөш, чатыраш, тушоо кесмей, жамбы атуу, эңиш.
Жоокердик оюндар: Эр оодарыш, тыйын эңмей, аркан тартмай (ит тартыш), жамбы атмай, жөө эңиш (оодарыш), бука тартыш, улак тартыш, таш ыргытмай, ит тартыш, тизелеп түртүшүү, жаа атуу, найза ыргытмай, ат оюн, ат секиртмей, ат үстүндө топ ойноо, кылыч чабышуу, таш ыргытмай, тизелеп күрөшүү, дөңгөч жаруу, сөөк сындырмай, балта ыргытмай, кыйык атуу (жамбы), така иймек, дөңгөч жармай, сөөк сындырмай.
Жаштардын оюну: Ак чөлмөк, алты бакан, алымсабак, жоолук таштамай, жар көрүшүү, кара коюм дүмпүлдөк, сокур теке, коён тебиш, бөрү кароо, дүмпүлдөк, канымдат, көлгө түшмөй, ортого турмай, селкинчек, сүт ичмей, чүкө жашыруу, токмок таштамай, чөө, шабият, шакек жашырмай (салмай), эшек секиртмей, жөө кунан чабыш, из туурамай, кош аяктап жүгүрүү, таш үстүнөн басуу, канталамай, калдым, кыл аркан салмай, кыз оюн, керме аркандан басуу, жигиттер аттангыла, жоолук жашыруу, карышкыр оюн, көк бука, теке тармаш, токмок салды, така иймей, жар издемей, шерик сурамай, ой табышуу, укурук салмай, шакек тиштемей, бука тартыш, жар көрүшүү (жар издемей), такыя сайыш, шапар тебүү, чакмак алышуу, дартикем, мангел менен уруу, коон үзмөй, төө басты, чал жыгар, айгыр жыгар, шап алуу, укуй алуу, төөматек алуу, чекеге чертүү, кишенетүү, мөөрөтүү, ак чөп башымда, таар түрмөй.
Тогуз коргол (тогуз кумалак) – элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн жасалган жыгач буюму. Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу, оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал – эки тарабында кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда чоңураак жанаша эки казынасы (казан чара) бар сүйрүлөнгөн такта. Анын жердиги карагайдан да, арчадан да, талдан да, теректен да, өрүктөн да, жаңгактан да болот. Чеберлер аны жасоодо араа, керки, бычак пайдаланышат. Чуңкурун, казынасын чебердеп оюу-жонуу үчүн атайын кичинекей ийгиси бар. Эгер кыйып келээри менен дароо чаба койсо, ага каймак, же сорпо майын «ичирип» (аябай сыйпап) көлөкөдө кургатуу керек. Тогуз кумалактын көлөмү койдун корголундай 162 корголу да жыгачтан бипбирдей тоголок жасалат.
Упай оюну жөнүндө уламыш – упай оюну кыргыздардын бир түрдүү чүкө атышмай оюну болуп карт тарыхка ээ. Упай оюну «Манас» эпосунда көп жерде айтылат. Упайда жети чүкөнүн калчалып калышы «Манас» эпосундагы жети хандын эсебинен калчалган деген уламыш айтылат.
Ал ами упай оюнунун ойнолушу, анын чыгышы жөнүндө мындайча уламыш айтылып калган:
Илгери Текес деген жерде, Мундуз деген элде (урууда), Тогузбай аттуу жемекей ханы болгон экен. Ал элге салык-алым салып жатып жалчытпаптыр. Ошол элде
Тоотай аттуу адис мерген бар экен. Жемекей Тогузбай Тоотай мергенге көз кызартып, бир күнү чакыртып келип: «Сенин тогуз уулуң бар экен, тогуз уулуңа тогуз түтүндүн салыгын төлөйсүң; тогуз жолборс, тогуз илбирс, тогуз аюу, тогуз сүлөөсүн, тогуз кундуз, тогуз суусар, тогуз бөрү терисин бересиң; өзүң жана тогуз балаң үчүн токсон кыргоол, токсон улар, токсон тоодак атып бересиң; эгерим сен ал салыкты төлөбөсөң, сага уучулук кылуу кесибин иштөөгө тыюу саламын!» – дейт. Ошондо каары келген Тоотай мерген Тогузбайды атып өлтүрүп, аялы, тогуз уулун ээрчитип, тоого чыга качып кетет.
Тоотай мерген тоодо үңкүрдү үй кылып алып, анда бала-чакасы менен бир нече жыл жашайт. Ошол тоодо жалгыз үй жашап турган кезинде мерген тогуз уулу менен акылдашып: «Тогуз уулум, маңдайдагы тогуз үйдө жашап, бир казан аскан тогуз кыз болсун, силер акырындап тоону айланып көчүп жүрүп отуруп, ошол тогуз кызга үйлөнөсүңөр», – деп тогуз коргол оюнун жана упай оюнун ойлоп чыгарган экен.
Ошол тогуз кыздын эң улуусу, өтө акылман жана сулуусунун аты «Упай» экен. Упай ошол кыздын аты болуп калыптыр.
Упай оюну – упайды эки киши же төрт, же алты, эң көп болсо он кишиге чейин эки жаат болуп гана ойнойт. Упайдын байгесин ойногон кишилер өздөрү сайышып ойнойт. Эгерде эки район же эки сельсовет эл ордо, тогуз коргол, упай, чакмак баарын ойноп мелдешели дешсе байгеси ошол тарабынан сайылат.
Упайдагы эки дубан же эки болуш, же эки айыл, же эки эле кишиден ойноло берет. Эгерде эки дубан болсо үчтөн же экиден киши чыгарып кыйын упайчылардан алып чыгат. Булардын байгеси да ат же андан чоң, же аз болсун айтууна жараша болот. Упайда үйдүн ичине катуу калың жаңы кийизден салат көлөмү болсо чарчысы 4 же 5 метр жерге, ал кийизди тегеректеп оюнчулар жана эл олтурат. Бир белгилүү чоң чүкө же саканы кан деп коёт. Оюнчулар экиден төрт же үчтөн алты киши болсун, чүкөнү үчтөн бир басым деп бардыгы 30 же 40, же 50 басым чүкөнү дандуулап санап коёт. Эки тараптан ат калчашат дагы кайсы аты конгон жак мурда калчайт. Кан башка чүкөлөрдөн обочо тиштебей жатса кан жаткандай бүгө болсо бүгө, чиге болсо чиге, алчы болсо алчы, таа болсо таа чүкө менен атат. Аткан чүкөсү кандан башка чүкөгө тийбей барып канга тийсе канды алып жалгыз коёт. Канды аткан чүкөнү үч чүкө атмайынча атпайт. Чүкөнү атканда сөөмөйдүн учу менен гана атат, алганда дагы бармак сөөмөй менен алат. Кокус алып баратканда чүкөсү колунан түшүп кетсе жыдып калат. Чүкөнү үчтөн гана басат. Андан ашып кетсе жыдып калат. Бүгө чүкөнүн үстүндө бир чүкө чигесинен жатса ал экөө атылбайт. Аткан чүкө башка чүкөгө тийип калса жыдыйт. Маселен, кырк басым чүкө болсо, кырк басым атып алса, ажыраткан болуп эсептелет. Андан кем атып жыдып калса, аткан чүкөнү кайра чүкөгө кошуп коёт. Жана жыдыгандын өнөгү калчайт. Алар дагы жыдып калса тиги тарапка берет. Ал учурдагы ажыратып кеталбаса, биринен сала бири калчап олтуруп, бир киши кырк бир басым алып кетсе ээ, бул ажыратып кетти деп камынат. Калган чүкөнү дагы кыркасы менен калчап бир басым, эки басым атып алса дагы чүкөсүнө кошуп ала берет. Чүкөнүн көп бөлүгүн бир тарап алып кетсе, аз чүкө калган тараптын колундагы чүкөгө жараша он басым бий, беш басым бий турушуна ылайык чүкө кошуп, ашык чүкөсүн катып алдык деп оюнга салбай алып коёт. Бул сапар мурун калчоодо канды алган жак мурун калчайт. Алар маселен он басымдан жыйырма басым чүкө калчалып жатса он бир басымын каны менен алса ажыратат. Бул үчөө ажырата албай калса берки тарапка берет. Булар чүкөнү каны менен такыр алып кетсе тигилер жаңкы кыдык алып калган чүкөсүн кайра кошот. Булар канды баштап 20 басымда алып кетсе аларда колундагы 20 басымды бүт кошот. Кан алган мурда калчап бул чүкөнүн барын көбүн атып алса, калчап бир басым же андан көбүрөөк чүкөнү булар алып койсо баякыдай аз чүкөгө жараша чүкө кошуп ойной беришет. Үч эле чүкө алган болсо, канынан башка үч гана чүкө кошуп алты чүкө бир кан жетөөнү эле калчайт. Бул жети чүкөнү бир киши гана бүт атып алуу керек. Мурункудай эле абал мурда канда жалгыз атып жалгыз басып туруп алты чүкөнү үчтөн эки басып бир эле киши алат. Чүкөсү көп жак алып кетсе, беркилер куру кол калып, уттурган болот. Бирок кайра салып бермей бар дешип убада кылса алдырды деген жак калчап кырк бир басым алса жандырып кеткен болот. 41 басым алалбаса абыдан уттурган болот. Кайра салып бермей жык болот. Упайдын жыдый боло турган иштери мындай болот. Бүгө менен чигени атса, алчы менен тааны атса, атууга ык кылган чүкөсүнүн жанындагы тийишип турган чүкө кыймылдап же билер-билбес шек берип солк эткендей болуп калса, же огу менен аткан чүкөсү учкашып калса, же тийишип катып аларда кыймылдап бирер шек берсе, же огун тааныбай аткан чүкөм деп жаңылыш алса, же бир чүкөнү атайылап кол сунуп баратып айнып башка чүкөгө бурулса атып алган чүкөсүн алам деп колунан түшүрүп жиберсе жаткан чүкөлөрдү басып алып, же тийип алып козгоп койсо же үч чүкөдөн ашык, же кем болсо жана башкача кокустар менен ооз-мурдунан түкүрүк, насыбайга окшогондор чүкөгө тамса, же жолдошунан ушундай кырсыктар болсо ушулардын баары жыдыды деп эсептелет.
Балбан күрөш. Балбан күрөш аштарда, кыз берген тойлордо, бала отургузган тойлордо, келин алган тойдо, кээде чоң жоро, шеринелерде, айттарда жана майрамдарда өтөт. Боло турган тамашаларды башкарып калыс болуп турган эки тараптан бирден киши элдин орто жеринде атчан турушат.
Теке жаргак шымдарын тизеден жогору түрүп багалектин учун көзөп, ычкыр кашатка кошо байлап, кең шымдарын балактатып, чапанын жамынып, өзүнүн элин кыдыра басып сыңар тизелеп отура калып, колун жайып, элден бата алып көпчүлүктүн «үстүн бол!» деп «чур» дей түшкөн алкышына бел байлап күрөшкө чыгат. Атактуу чоң балбандар кармашканда билектен, моюндан, кый сүбөдөн кармашканда балбандардын билеги сыйрылып жана сүбөнү жулуп да алышат. Агер чалмачы балбан болсо, таамай чалып алса жыгып же жыгылып тынат. Чалмачы балбандын көпчүлүгү жыкпай койбойт. Байгесине кайсы жыкканы бир тогуз малды алып кетет.
Эр оодарыш. Оодарышка чыгуучу балбандарды алып чыгарда элдин жарамдуу аттарын алып келип, эки киши минип алып качырышып жана тартышып көрүп аттардын басымдуусун токуп, ээрдин үстүнөн тарткан басмайылдан башка ээрдин алдыңкы тарабынан дагы бир басмайыл тартып, үч-төрт камчыны арасына салып, көрпөчөнү бөктөрүп, боочосун абдан бышыктап, багалегин учунан канжыга менен бек байлап, өтүктүн кончуна салып кийгизип, буту чылбырдан ычкыр өткөзүп байланат. Башын жоолук менен бууп же болбосо топучан болот. Өтүк, шым, топудан башка кийим болбойт. Бирок эмчектүү үзөңгү теминет.
Бул оодарышта түрлүү айлаларды кылат. Кээ бир балбандар тартышкан жагы үзөңгүнү бутунан чыгарып жиберип атынын нар жагына түртүп жиберет же ошол бутун ээрге басып да алып кетет. Албетте, аттын жакшысы көп жөлөк болот. Бирок да бир минип түшкөндөн башка ат же кийим которуп жаңылабайт. Жана кайра оңдобойт.
Жөө чабыш. Ошол эле отурушта элдин жогору-төмөн жагынан жол ачып коюп ал жолдорго элди дүрбөтпөс үчүн баягы калыс кишилерден туруп жөө чабыш болот. Жөө чабыш оюндары ашта, чоң тойдо элдин көп чогулганында гана болот.
Жөө чабышка ар бир көңүлдүү кишилер өзү чыгат.
Алардын тогуз же жети кишисине кадимкидей байге саят. Маселен, чыгып келген кишинин байгеси ат болсо, экинчи кишиге тай, анан кой, анан козу, анан улак дегендей болуп байге саят. Булардын байгесин жана канча кишиге байге бар экенин жарчы угузат. Жөө чабылуучу кишилер жыңайлак, көйнөкчөн болуп эки колуна алма же таш алып жөнөшөт. Аларды кадимкидей атчан кишилер айдап беш же төрт чакырым чамасында жерден коё берет. Алар айдап баратканда мата жүктөгөн эшектей агарып, мадыраңдап бир түрлүү көрүнөт. Анан кайра тартып жүгүрүп келе жатканда кадимкидей чаң чыгып кыйла жерге чогуусун жазбай келет. Жол теңинен өткөндөн кийин бириндеп чубала баштап курчтары кийиндей берет. Кадимки күлүк атча аркадан жетип улам биринен чыгып, чуркаганын жазбай салмагы менен келатканы, көкүрөгү таза, күчү бары марага келет.
Эр сайыш. Өтө чоң аш, тойлордо эр сайыш оюну болот. Эки тараптан баатырлар чыгарылат. Жарчылар элди кыдырата бастырып жар чакырат.
Төө баштаган тогуз жылкыны элдин орто жерине алып келип, эки-үч киши кармап турат.
Эр сайышка тапталып жүргөн баатырлар мурунтан эр сайышка кирип көнүп калган атын токуйт. Ичмеги жумшак калың тердикти атка салып туруп жукалык кылбаса кабыргасы жок же тердиктин үстүнө жука ат жабуу кошуп борбусу бийик кыргызча кан баш ээрден токуйт, төрт-беш камчыны арасына уруп көрпөчөгө кементайды ороп бийик кылып бөктөрөт. Аттын көкүлүн типтик кылып чырмап түйүп, куйругун белине чейин коёт. Сайышка түшчү баатыр эки жаргак шым киет. Желеткинин сыртынан теминги деген калың булгаарыдан жасаган нерсени коюп, бир жагын аркасына коюп, аны жылышып кетпес үчүн ар бир жеринен көзөп туруп, канжыга менен чарып коёт. Темингини кай бир кишилер шартылдак деп аташат. Анын жетпеген жерлерине катуу жаңы калпакты эки кат же төрт кат кылып коюп, табарсыктын тушуна сөзсүз төрт кат калпак коёт. Булардын баарын матаны жазып туруп белден, аладан, эки ийинден, колтуктан алып чырмап салат. Ал баатырдын кум салып жасаган кементайы болот. Жакасы эки кулакты тиреп турган көкүрөк жагы катталып, колтук, бөйрөк жактарын эки кат кылып шырыган. Эки жеңинин чыканак жана колдун бүгүлүшүн жумшак кийизден салган арткы этегин ээрдин арткы кашынан өткөн жеринен тилип койгон. Жеңинин учун колдун муунунан кыска топчулап койгон кементайды, анын сыртынан чыт чапан кийип, башын кызыл же ак жоолук менен бекем байлап, эки санын мата менен өтө калың эмес чырмап алып, камчысын канжыгадан боо кылып асынып алып, өз тарабына кыдырата жөө басып жүрүп сыңар тизелеп отура калып, камчысын мойнуна салып бата алып, колтуктатпай өзү аттанып турат. Баатырлардын колунда бирден найза болот. Он же сегиз найзаны, сайыштын ыгын билген эки жактан эки киши он же сегизден найзаны кармап турат. Ал найзалардын баарысы узун-кыска эмес тептең болот. Баатырларды сайыштын ыгын абдан билген кишилер коштоп барып, беттешке коё берет.
Коё берер замат эки баатыр качырып келишип, бири-бирине найза урушат. Эгерде эр сайышта найзалары сынча, жаңылап алышып баатырлар кайрадан жан аябай беттешет. Акыры эр сайышта ыктуусу, баатыры жеңишке ээ болуп, байге алат. Кыргыздын аңызында, уламышында, санжырада жана тарыхында эр сайышта көчмөндүк доордо атагы чыккан баатырлар арбын болгон.
Жамбы атуу. Тамашалар бүткөн соң эл жалпы аттанып, баякы тамаша болгон жерге келип ар бир урук бөлүнүп, топ-топ болуп турат. Ал убакта күлүк аттуу кишилер ат тердетип жорголордун терин алып калышат. Мергендер мылтыктарын оңоп, ичин майлап ок-дарысын даярлап келишет. Жамбы атууга белсенип турушат.
Жамбы атуу оюну абдан чоң аш-тойлордо болот. Дайым эле боло бербейт. Элдин абдан көпчүлүгүнө баш кошкон убактарда жамбы атуу оюну болот. Узун карагайды жерге орнотуп ага дагы бир шыргыйды улап, ал шыргыйдын башына туура бир кулачтай жыгачты байлап коёт. Ал туура жыгачтын тогуз жерин же он беш жерин көзөп коюп, бир кийизге таш же жылкынын томолок болуп катып калган тезегин тигип туруп, тиги туура жыгачтын көзөөлөрүнө байлап коёт. Орноткон жыгачтын узундугу кеминде метрче болот. Бул танаптар жылкынын куйругунан беш-алты гана талдан алып байланат. Муну атуу үчүн он беш саржан жерден белгилеп чийип коёт. Ошол он беш саржан алыстыктан чаап баратып атып өтөт. Ал жамбы атуучуларды топтон калтырбай атын камчылап, айдап тосуучу киши коюлат. Жана анын байгесине кымкап жапкан төө, жанында бир чапан жапкан ат байлалуу турат. Ал жамбыны ким атып алса, байге ошол кишиники болот.
«Көк бөрү» тартышуу. Кыргыздарда көк бөрү тартышуу оюну тээ илгертеден келе жаткан, ат үстүндөгү күч сынашуу оюну эсептелет. Кыргыздардын ар кандай «майрамдык чогулуштарында көк бөрү тартышпай өткөн эмес. «Манас» эпосунда да көк бөрү тартышуу абдан көп сүрөттөлөт.
Ал эми көк бөрү оюнунун чыгышы жөнүндө мындай уламыш айтылып келет:
Чыңгызхандын көк бөрүнүн кебетеси түшүрүлгөн туу сун көтөргөн жоодон жеңилип кайра кайткан жоокерлеринин так алдынан ошол туудагы сүрөт тирилгендей бир көк бөрү чыга түшкөн экен. Кыжынган жоокерлер көк бөрүнү качырып барып, атчан ороп кетишиптир да, эңген бойдон тарткылашып көпкө чейин тытыша албай тартышыптыр. Бир жагынан алар көөндөрү көтөрүлүп калгандай сезишиптир. Ошондон кийин кыргыздардын уландары зериккенде көк бөрү тартышып ойной турган адатка өтүптүр. Дайым эле бөрү табыла бербейт эмеспи, андан кийинкилер ноопас, торпок тартып ойношмой болот. Ошондон барып серке улак тартышмайга жалпылашкан экен. Азыр кыргыз тилинде «Көк бөрү», же «улак тартуу» деп айтылып жүрөт.
Улак тартуу. Улак тартуу барлык эле тойлордо, шерине, жоролордо, майрамдарда, айттарда ойнолот.
Улакты алып келип таштай турган белгилүү жер болот. Алып келип таштачуларга бере турган байгесин жарчылар элге угузуп ырдап кетет. Маселен, төрт урук эл болсо ар бир уруктан экиден же үчтөн гана киши чыгып тартышат. Анда аттын күлүгү менен азаматтын балбаны же чабандес, атка чыйрак, коркпой чапкан жана да улакты көп тартып машыккан кишилерден барышат. Ал улак тартуу ыктыяр көпчүлүк элдин каалоосу менен болот. Торпоктон эле тартабы, эркечтен эле тартабы каалаганын тартышат. Бирок байге аш, тойдун ээлеринен берилет. Улакты кай бир тарткычтар өлөрүнө карабай чабышат. Улакты он, он беш жолу экиден-үчтөн киши чыгып тартып болуп, андан кийин беш алтыдан киши чыгып жайма тартуу дегени болот. Анда ушул сапар улакты алып келген кишинин элинин наамына мурдакыдан арбыныраак байге беришет. Кайсы бир убактарда, азыраак эл чогулганда, эң кийинкисин жалпы баарылап жайма деп башаламан тарта берет. Анда улакты алып кеткен кишинин олжосу ошол гана алып кеткен улагы болот. Кайсы бир жерлерде улак тартууну «көк бөрү» тартабыз дешет.
Аялдардын сайышы. Аялдар дагы кадимки сайышка түшкөн баатырларча оозуна кыл чайнап, өңү сурданып, өтө кайрат менен элдин намысын кетирбеске бек ойлонуп, жанын аябай сайгандары да болот. Эркектердин сайышынан эч айырмасы жок. Оодарышта да ошондой чымырканып оодарышат. Бирок оодарышка түшкөн аялдар жылаңач болуп чечинбейт. Жука чапан же желеткечен гана жаргак шым кийип, башын жоолук менен бек таңып алып, билектен, колдон алып тартыша берет. Эркектердин балбан күрөшүнүн байгеси бир ат, бир чапан болсо, аялдардыкы да бир тайлак, бир чапан, же бир тай, бир чапан болуу керек. Эркектердин эр сайышы төө баштаган тогуз жылкы болсо, аялдардын эр сайышы ат баштаган жети мал же үч мал болот. Анткени булар өтө катуу сайышууну каалабайт жана аз гана беттешип бүтүп калышы мүмкүн. Күрөш, оодарышта эркектер катарлуу эле кармашат.
Аялдар күрөшкөндө да жылаңачтанып чечинишпейт. Жаргак шымдын багалегин өтүктүн кончуна салып кийип гана күрөшө берет.
Кунан чабыш. Чоң аш, тойлордо жакшы тапталган, өтө ишенчиликтүү кунандар он чакырымдай жерге чабылат. Мурунку убакта кунан чабыштын жыйынтыгы айрыкча сүрөөнчүлөргө байланыштуу байгеге жетишкен. Кунан чабыштын байгесине төө баштаган тогуз малдан аз эмес мал сайылган.
Тыйын эңмей. Тыйын эңмей деген оюн ашта, тойдо жана чоң жоро, чоң шеринеде, келин алган, бала үйлөндүргөн тойлордо жана үлүш берүүлөрдө болот. Тыйын эңмей майда оюндардын бири.
Тыйын эңүүгө баягы элдин ар бир уругунан экиден, үчтөн гана кишини алып чыгат. Алардын баарысын бир жерге топтоп туруп элдин ортосунан чарчысы бир метр жерди такырайтып коюп ошол жердин ортосунан он тыйын баткыдай жерди ойгонсуп он тыйынды ошол жерге коюп баягы тыйын эңүүчү кишилерди кезеги менен бирден жумшап турат. Бирок ал тыйын эңгени бараткаңдарды өз эркинче койбой тыйын таштаган жердин бери жагында атайылап бир киши турат. Ал турган кишинин жумушу эле тыйын эңгени бараткандардын атын сооруга чаап текирең таскак менен барып жердеги тыйынды эңүүнүн шартын бүтүрүп туруусу болуучу. Кээ бир тыйын эңүүгө машыккан жигиттер эңкейгенде майышпай турган жалпак, чың келген жорголордон минип алып ар бир келгенде эңип турат. Тыйын эңүүгө маш болгон аттар да болот – киши канчалык жерден эңкейип баратса да майышып же мүргүп кетпестен түз гана таскактап кете берет. Бул тыйын эңгендердин байгесин ар бир эңип кеткендери үчүн мынча сомдон деген болжолу болот. Тыйын эңип алып барары менен баягы эңүүчүлөрдү топтоп турган жерден бир киши айтылган акчаны берип турат. Кай бирлери атматы менен же өзү жыгылып калган болот.
Ат чабуу. Эртең чоң ат чабыш болот деген түнү күлүк аттардын ээлери жана саяпкерлери уктабайт, жеке ал эле түн эмес, кемеге казылып, эл келип конокко бөлүнгөндөн бери эле күлүк ээлери бирин бири аңдып, кеп тыңшап, атактуу чоң саяпкерлерди аңдып «эмне дээр экен» деп байкап калышат. Ал саяпкерлер кайсыл аттын канча күлүктүгү бар жана атынын ээси таптап байлаганында кандай кемчилик бар экенин билет. Ошон үчүн ал саяпкер кайсы бир чоң ат чабыштарда айтканы айткандай келип, чыгат деген ат чыгып келет.
Чубатуу. Көкүлү көккө шүйүлүп, куйругу кайра түйүлүп, кулагы шамдай болуп, көзү жалтылдап, көкүрөгү салынып, ичи кындырдай болуп, жүнү бирдей типтик сайылып, чакмак эти аяктай болуп, көкүлдө, көкүрөккө тумар, куйрукта үкү тагылган күлүктөрдү тогуз-он жашар кичине балдар минип чубап турганда саяпкерлер, сынчылар: «Тигил ат жакшы сууган экен» – деп турушат. Андай калк чогулган аш, тойлордо күлүк аттарды каттап, ээринин кашына номур салып коёт. Андай болсо атты далдаалап туруп, орто жолдон кошуп жиберүүгө да болот. Андыктан аттын ээсинин атын жана аттын өңү-түсүн аныктап каттайт. Ат чабуучу балдарга аш, тойдун ээси ар бир урук элдин атына ар уруу кийим тигип кийгизет.
Ат айдоо. Ат айдоочулар ошол аш, той берген элдин адамдарынан болот. Байгенин токтолгон жерине баканга желекти байлап, бир эстүү киши кармап турат. «Аттар балан жерден коё берилсин» – деп көпчүлүк коолу кылып коёт. Андан беритен болжолдуу жерге жетпей кайра качып келген атка байге бербейт. Элдин коолусун бузган үчүн кайсы бир убактарда күлүк аттарды түш маалында айдап барып, ат коё берилүүчү жерге кондуруп, эртеси шашке маалда коё берет.
Байге. Коного чабабы же күнүн эле чабабы, байге сайыш, ал аш, той берген адамдын алына жараша болот. Бирок жанакыдай элди эки же үч кондуруу ошол аш, той берүүчү элдин жардамы менен болот, аны эл көтөрөт. Анан байгесине болсо миң жылкы же миң кой, ар ким алына жараша жүз жылкы, же жүз кой, тогуз төө, тогуз ат, тогуз жамбы же миң сом окшогон баш байгелер көп болгон. Бирок аш, тойдун эң алды 25 атка байге саят. Башка аш, тойлордо тогуз аттан кем болбойт.
Сүрөөнчү. Эми ошентип, атты сүрөп чапмай болгондо ар бир атка беш жүз, эч болбогондо бир жүз киши сүрөөнчү болот. Бул сүрөөнчүлөр байгенин токтолгон жеринен тартып, атты коё берчү жерге чейин тизилип турат. Чыгып барган атты ырчы, сурнайчылар ээрчип мактап жүрүп соогат алышат. Жана кадырлуу кишилер дагы соо ат суратып алат. Сөөк-тамырлары келип дагы соогат алат. Андан калганын күлүк атка да чыгарып коюп, бардык соорунчу бөлүп ашка, тойго келгендерге бөлүп берет. Мындай сүрөп чапканда жайдак чыккан ат менен сүрөөсү аз ат арманда калат. Жаңкыдай коного айдап, сүрөбөй чапканда аттын чын күлүктүгү билинет. Бул ыраак чабышта кай бир табынан начар болгон же курсагы ач бир эти өтө оор аттар жинигип өлүп да калат. Кай бир аттар чалараак жинигип, жаталактап, чабалактап, от жебей, сие албай, жатып-туруп беш күндө мал болот. Ошону менен ар бир эл байгелерин бөлүп алып, жер-жерине кайтат.
Ордо оюну жөнүндө уламыш. Илгери заманда кыргыздар бир кара мүртөз, залим падышага кабылыптыр. Бүткүл кыргыз эли караланып, зарланыптыр. Ал элге ээ болбоптур. Өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы менен алек болуп кетиптир. Бул ханына караланган эл аксакалдары, көсөмдөрү акылдашып олтуруп ал ханды тактан кулатыптыр. Бирок анын ордуна ылайыктуу ханды отургуза албай, ар кайсы жаат өзүнүкүн көрсөтүптүр да туруптур. Ошондо бир кеменгер аксакал ойлоп, бир аркан бою тегерек чийим тарттырыптыр да, анын ортосуна бир бий бекитип, биймит чүкөнү хан деп атап, анын тегерегине көптөгөн чүкөлөрдү коргоочу кылып, бөкөсүнүн алдын тыкыс орундаштырыптыр. Анан элге жарыялап «кайсыл жааттын адамы томпой менен ушул чийимден туруп, хандын коргоочуларын көптөп чыгарып, анан ханды атып чыгарса, ошол хан болсун» деген экен. Эл ал ойду жактап, ар кайсы жаат өзүлөрүнүн мыктыларын ордого салган экен. Бул бир иретки акылмандык иш кийин оюнга айланып калыптыр.
Ордо оюну «Манас» эпосунда көп кезигет. Ал тургай ордо оюнун Манас баатыр салгылашуу, согушуу кезде чыгарган экен деген уламыш айтылат.
Жородо, шеринеде, жай учурларда тамаша кылуу үчүн, утушуу үчүн ойнолот. Ордонун тартиби жеке оюндардын түрү төмөнкүлөрдөй болот. Эки болуштан же айылдан эки киши ордо атышалы деп убада кылат, анда кайсы жерге атышарын, эмне байге саярын, канчадан киши болорун, маселен 2 болуш беттешип калса, бул болушта үч күн тигил болушта үч күн конок алышып турмак болушат. Байгеси ат же согум бээ дешет, 25тен 50 киши атышабыз деп, 2ден 4 калыс алып чүкө жыюуга 3 киши, бардыгы 30 кишини милдеттүү конок деп атына чөп, жем даярлап коёт. Болжолдуу жерге барганда, 30 же 35 таман болсун деп борбор менен бир жак чийиндин арасын болжоп, ордонун өйүз-бүйүзү 70 таман болот. 4 калыс бир жерде отурат. Оюн санап жана жыдып калгандарды билүү үчүн алардын колуна 25 кишини 3төн оюну 75 ташты берип коёт. Бул тараптан жыдыган оюн үчүн тигил тарапка бир таш берип турат. Бир кишиге 5 чүкөнү салып, 3 оюн атасың дейт. 249 чүкөнү борборго кандын тегерегине тийиштирип бөгөсүнөн тизип коёт.
Кан. Кан деп он тыйындык күмүштү же мүйүз, же сөөктөн тыйын барабарында кылып жасап туруп ошого ченеп оюн салып коёт. Кан эки оюн үчүн жүрүүгө акылуу болот. Канды тооруп албайт. Олтуруп чүкө чертип жаткан бойдон чертпей, ордунан туруп, кайра олтуруп анан кан чертет. Бир тарап канды жалгыз гана кошпой, алса киши башына бирден оюн атат. Кандын бу калыпкы жана көлөмү 10 тыйындык күмүштөн ашык болбойт. Ордо тизип болгондон кийин калыстар чийден же жыгачтан 2 сөөм 2 эли кылып кесип ордого таштап коёт. Ал абалак же томпой менен чүкөгө салганда жетип калса олтуруп чертүүгө болот. Жетпей калса абалак томпоюн алып кайра атат.
Абалак. Ордо оюнунда чүкө ата турган, черткич курал болуп саналат. Ал негизинен карт текенин мүйүзүнөн жасалат. Анын көлөмү ар кандай болот. Абалактын үч түрү бар: топ бузар, чоң абалак; орто абалак менен чүкө чертет; чүкө кадап, тооруй турган абалак.
Ат калчоо. Бул эрежелерин бүткөндөн кийин 2 тарап 2 сол чүкөнү ат калчашат. Кайсы аты конгон тарап мурда ата баштайт. Ордо бузмачы аткычтар алды менен атып чүкөнү ордонун бетине чачыратып жиберет. Балким, чүкөлөрдөн наркы чийинден чыгып кетсе кайра дагы бир жак четинен чийинди басып туруп алат. Чүкө чыкпай калса бир оюну өлгөн болот, 2 оюну калат. Чачыраган чүкөлөрдөн чийинге жакын бир метр же жарым метр, же карыш жаткан чүкөнү чертмекчилер кадай баштайт. Чийинди басып туруп кадаганда чүкөсү чыгып кетип, абалагы чүкөлөрдү аралап барып жатып калса, баякы калыс жыгачты салып көрөт, жетип калса оң жак тизесин бүгүп көчүгүнө баскандай болуп, сол жак бутун тамандап жерди басып туруп, абалакты алып черте берет.
Эрежени сактоо. Эгер чертип жатканда же тим турганда оозу мурдунан суу жерге тамса жыдып калат. Абалкы отурушта бир гана чүкө чертип кайра турат. Кайра олтурушта бир канча чертип турууга эриктүү болот. Чүкө чертүүгө олтурганда жерди басып турган бутунун тумшугу жаткан чүкөлөрдүн сырт жагын караш керек. Бүктөп олтурган бутунун таман жак тумшугу дагы чачырап жаткан чүкөлөрдүн сырт жагын караш керек. Бүктөп отурган бутунун жерде тамандап олтурган, же бүктөп отурган буттарынан биринин тумшугу жаткан чүкөлөрдү бычактын мизинчелик же андан көбүрөөк аралашкандай болуп көрүнсө жыдып калат. Эгер жыдыганыбыз жок деп бу тарап чыр кылса буттун учуна такай бычак сайып коюп калыстар сындап көрөт. Бычактын мизинчелик эки чүкөнүн шаңына илинсе жыдып калат. Ар бир аткычтар бирден жаткан чүкөнү 10–15ин бир ойноо менен атып кетет. Чертмекчилер кырсыктабай чертсе 20–30дун учу чүкөнү чертип кетет. Бир тарабы чүкөнү көп алып, бир тарабы аз алып калса, аз алган жак бир кишиге 3төн чүкө салып 2 оюндан атат. Чокон деп бир гана атканда айтат. Ордодо кадамакчы, тоорумакчы, атмакчы ордо бузду дегендер болот. Булар туруп жүрүп ата тургандар.
Чертмекчи. Чертмекчи деген чачылып жаткан чүкөнү сыңар тизелеп олтуруп чертип чыккандарды айтат. Чүкөнү каны менен такыр алып, бир тарабы куру кол калса, баякыдай кылып тизип берет. Алдырак тарап катуу чымырканып ызалангандай болуп, эң бир кылдаттык менен таамайлап атышат. Ордо жакшы бузулуп, чүкө бир өңчөй чачылып, кадамак турмак жакын барып калса, чертмекчилер ичке көп түшсө чүкөнү каны менен такыр алып кетсе, тиги тарапка байге бербей жандырып кетет. Такыр ала албаса, уттурган болот. Ошентип, бир тарапка 3төн конуп 6 күнгө чейин эрегишип ордо ата беришет. Бирок тарап кетүү алдырган жактын эркинде болот, мындай чоң мөрөйлөрдү шыктуу гана жак бир күндө 4–5 утуп кетүүгө болот, өтө кыйын чертмекчи атмакчыларды жаңылап оюнга ала берүүгө болот.
Кадамчы. Кадамчы деген чийинди сол буту менен басып туруп, эңкейип алып атып жиберет. Тоорумакчылар сол буту менен чийинди басып туруп, сол колун сыртына карай чабылта ороп, оң бутун сол бутунун шыйрагына чалып туруп, чүкөнү өзүнүн солбак сыртын көздөй абалакты же томпойду чимирип жиберип, кайрасынан чийинден чыгарып, абалагын ордонун ичиндеги чүкөнү аралатып жиберет. Баякы калыс жыгач чүкө менен абалака жетип калса кадимкидей олтуруп черте берет. Балким, ордо бузуп жүргөндө да ичте калып черте берет. Анан бир сөз ордочунун жыдыгандары чүкө чыгарып жүргөн киши же анын жолдоштору ордого чүкөнү борбор жагынан өтүп кетип, чүкө чийин жагында калса жыдып калат. Чүкө чыгарып атып же чертип жүргөндө колунан же оозу мурдунан бир нерсе ордого түшүп кетсе жыдыйт. Аткан, черткен чүкөлөр чыгып баратып, өз тарабына тийип кайра ордонун ичине түшсө жыдып калат.
Чокон атуу – ордо атуу оюнунда чүкөсү артык тарап тургандардын бирөөлөрүнө арнап, кан ордого бир чүкө салып, бир оюн аттыруу. Ал чүкөнү канча болсо, атып чыгара берүүгө акылуу. Ал эми ичке түшсө, үч чүкөдөн ашык черттирбейт. Чокон атуучуга (чокончуга) «жемек» кадатпайт, «тоорумак» тоорутпайт. Чокон атуучу ошол оюн бүткүчө катардагы оюнчулардай оюндун жол-жобосун сактайт.
Чокондоп калуу – бир тараптын уттуруп баратышы.
Тогуз коргол – тогуз коргол жыгачтан жасалат. Ал жыгачтын көлөмү болсо узуну эки жарым карыш, туурасы бир жарым карыш болуп, калыңдыгы төрт ээли же сере болот. Ал жыгачтын узунунан эки тарабына тогуздан он сегиз жерин сыйракейинен кашыктай кылып коёт. Аны өйүз-бүйүз оюлган жердин ортосунан эки жерди чыныдай кылып оёт. Он сегиз оюлган чуңкурларга тогуздан таш салат. Анын негизги ташы катын жанак деген чоңдугу койдун коргоолундай жаңгак насилинен болот. Эки оюнчу маңдай-тескей олтурат. Калың эл тегерегинде олтура беришет. «Кана, сен көч, сен көч» – дешип эки оюнчу бири-бирине кезек беришет. Абал бир баштан убада кылып коюшат. «Бир кумалакты же бир топ кумалакты көчкөндөн кийин кайра тартмай жок болсун» – деп. Жана
«мен туз алган жерден сен туз албайсың» дешип. Бул оюнда жыдып калыш жок болот. Ал он сегиз чуңкурду «үй» дешет. Ооз үй, көк шили үй, ат өтпөс үй, ак колтук үй, бел үй, жаман үй, эки тиштүү үй, тек үй, куйрук үй дешет. Тиги өйүзү дагы ошондой болот. Ортодоку эки чуңкур эки оюнчунун ташын салып туруучу чарасы болот. Кыйын оюнчулар кайсы үйдөн болсо оюн таап көчө берет. Бир кай жерин күчү кандай оюн болорун тиги киши кайсыны көчөрүн билип турат. Жана бир 162 тыйын эсебин бүт билет. Жана берки киши дагы билет. Булардын туз ашуусу эң кымбат болот. Агерде туз алган болсо, ал туз алган үйгө түшкөн таштын бардыгы туз алган кишиники болот. Оюнчулар өзү жактагы тогуз оюн ташын алдырбаска эң бир кыраакылык, эсепчилик менен сактап, андагы таштарды атам деп эсеп кылат. Анткени өзү жаккы үйдүн таштарын ордуна бирди таштап көчкөндө, үй башына бирден таштап олтуруп жеткен жердеки тигинин үйүндөкү таштар элким болсо, алып коёт. Же эки таш болсо туз деп алып коёт. Агер так болсо алалбай көчкөн таштарын таштайт. Тузду бир гана жолу алат. Оюн бүткөнгө чейин туш болуп түшкөн жумалакты алып турат. Оюнчулар: «Мен тиги ташыңды көчүп барып алам» – деп эч качан айтпайт. Ичинен гана ойлонуп турат. Кокустан бир үйдөгү кумалакты жаңылып көчүп койсо кайра тарта албайт. Өзү жаңылган болуп чыгат. Үйдөгү таштарды «алым» деп бир, үч, беш, жети ошондой бири элким таштарды айтат. Эки, төрт, алты, сегиз ташты «жалгызсың, жедим» дейт. Үч ташты «үчөөңдү, жетөөңдү, тогузуңду, он бириңди, андан көп болсо, «байыңды жедим» деп айтат. Бир үйгө толтура ташты «бай» деп айтат. Айласын таап ат курап алып тиги оюнчуну кысталып олтуруп, бир байын жеп алса, көп ташын алган болот.
Булар чарасындагы алган таштарын үйлөрүнө тогуздан салганда, бир үйдөн бир таш кемип калса, уттурган болот. Кыскасы, бир таш же андан көп таш алган киши утат. Бул оюнда бир салган оюн менен жарым күн же андан көбүрөөк олтуруп ойногондор болот. Кай бирлери жарым саатта да түшүп коёт. Кыйын, чоң оюнчулар кезек менен көчүүдө үч же төрт көчүүгө чейинки оюнду эсептеп билет.
Жорго салыш. Жоргону кыргыздар өзгөчө жакшы көрүшөт. Жорго минген киши, айрыкча ыраак жолго чыкса жаны кыйналбайт, тулку бою жанчылбайт. Илгери колунда барлар жорго минишкен.
Жорго салдыруу эзелтен келаткан көчмөндөрдүн оюн мелдеши. Мелдеш эки чакырымдан, он чакырымга чейин жүргүзүлөт. Жоргону ат жайын билген чоң кишилер салдырат.
Томук жашырмай. Бул – кыргыз элинин салттуулукка эгедер оюндарынын бири. Кыз-келиндер, жигит-уландар үчүнчү бирөөлөрдүн калыстыгы менен ич ара аткара алат. Т. а., абалы кой-козунун, эчки-улактын томугун тазалап, аны бирөөсү жашырган. Анын жашырганы – томук бир колунда, адатта, сол колдун баш бармагынын алдында кыпчылып жүрүшү тийиш. Табуу мөөнөтү, жеңүүчү байгеси калыс адамдар тарабынан бычылат. Ал күндөп, апталап, айлап, жылдап да кетет. Алдыртан аңдып жүрүп, кычаш мезгилдерде учурун таап, «кана томук» деп сураганда, ошол жашырган колдон гана дароо «мына» деп, көрсөтө коюшу керек. Антип көрсөтө албаса, томук жашырган адам уттурду болот.
Ыр кесе (ыр аяк). Бул – абалтан бери кыргыз элинин жакшылык тамашаларында көңүлдү ачуучу салттарынын бири. Төтөн уюшмаларда, шеринеде, жоро ичүүдө, киреүлүш берүүдө шайыр отурууга багытталган максат-аракет болуп саналган. Жаштарга таандык бул отурушта оюндун бийи (башчысы) шайланган. Ага ары чечен, ары куудул, отурушту жандандырып туруучу жигиттер суурулуп чыккан. Айрым аймактарда ыр кесени даярдаган кызуланды «кесе гүл» деп койгон. Ал да өнөрү артылган кыз, жигиттерден болгон. Кесегүл ырды баштап берет. Кесени бирөөлөргө сунат. Ал шарт турат да, ырдайт же бийлейт. Бир жубата турган кызыктуу окуялардан айтат. Шартты таптакыр аткара албаса, кесе аяк толтура кымызды, же бозону бүт ичүүгө буйрукталат.
Селкинчек. Селкинчекти келин, кыз, боз бала, жигит аралаш ойнойт. Мында эки бөлүнбөй эле оюн-шоок үчүн айылдын арасына же чет жагына селкинчек салып коюп, күн-түн дебей бош боло калганда эрмек үчүн ойнолот. Эки, үч айылдын кыз, келин, боз балдары чогулуп келет. Ортодоку айылдын жанына орнотуп койгон карагайга жаңы, жакшы аркандарды селкинчек кылып байлап коюп, айдын жарыгында, күндүн ачыгында, жайлоонун түзүндө селкинчек тебе башташат. Бир боз бала, бир кыз болуп же бир жигит, бир келин болуп селкинчек тебишет. Буларды эки жагынан эки бала катуу күүлөп турат.
«Күзгүбү же таракпы». Кезиге элек эки курбунун бирөө секин, капыстан келип, экинчисинин көзүнөн кош колдоп басып туруп: «Айт, күзгүбү же таракпы?» – деп собол айтат. «Күзгү» десе, колун дароо тартып алат. Непадан шашканы «тарак» деп жиберсе, колун тартып учурашат. Бул эки кыйышпаган курбулардын тамашалуу жолугушкан оюну.
ТАМАШАЛУУ ОЮНДАР
Аркан тартышуу. Ал тамашанын артынан аркан тартышуу болот. Аркан тартышуу дагы аш, той жана келин алуу, бала отургузуу, чоң шерине, чоң үлүштөрдө, бала төрөгөн тойдо ойнолот.
Аркан тартышууга абдан балбан жана салмактуу киши чыгат. Алардын дагы шымдан башка кийими болбойт. Мойнуна гана бир калпак коюп коёт. Аркандын эки учун туюктап түйүп коюп эки кишини мойнуна туюк жагынан илип боорунан алып барып эки бутунун ортосунан чыгарып, кежигесине калпактын үстүнө арканды илет. Элүү саржан жерди теңеп туруп ортосунан чек кылып туура чийип коёт. Бул эки балбан моюндарын жикирейтип, белин дөмпөйтүп жылаңайлак буттарынын бармагын жерге сайылтып, эки колдоп чөптүү жер болсо чөптү мыкчып, чөп жулунуп кетсе жерди тырмап, алынын бардыгынча тырмышып айласы келсе жерге жабышып калуучудай чектен чыгып кетпестин амалын кылат. Агерде тигинин бутун бир тайдырып жерден козгоп алса тоготпой сүйрөп кетүүнүн аракетин кылат.
Таз сүзүштүрүү. Эң чоң аш, эң бир чоң тойлордо таз сүзүштүрүү болот. Башка убактарда таз сүзүштүрүү боло бербейт. Бул таз сүзүштүрүүгө эң бир уялбаган шайыр, элге күлкү чыгаруучу кишилерден чыгат. Булар дагы эки тараптан болот. Аларга жаргак шым кийгизип, желеткичен, жылаңбаштап алып эки тазды эки киши коштоп элдин так ортосуна алып келип, аркан бою жерден коё берет. Эгер куудулдугу ашыгыраак таз болсо буканы туурап колу менен жерди чапчып топуракты алып ыргытып, букача мөөрөп, тиги тазды маскаралап, элди күлдүрүп жүрө берет. Анда берки таздын да жини келип тигини катуу сүзүүгө ызырынып жүрүп жакындай түшүп, оңуна келе калган кезде качырып барып күч менен катуу сүзөт. Ал убакта кайсы бир баш териси жукасынын башынан кан жайыла бергенин көрөсүң. Ал башы канаган таз дагы тигинин башын канатууга аянбай сүзөт. Бирок таз кишилердин башы өтө оорукчан болуу керек, анткени бир-эки сүзүшкөндөн кийин эле бири кача баштайт. Элди күлдүрүү үчүн качкан тазды качырган таз тиги тарапка жеткизе кууп барып кайтат.
Өпкө чабышуу. Бул тамаша көрүп отурган элди дүрбөтпөс үчүн өпкө чабышуу деген болот. Өпкө чабышуу чоң аш, чоң тойлордо гана болот. Майда оюндарга кошулбайт. Анткени элдин көп чогулган жерлеринде, намысташуучу жерлерде болот.
Өпкө чабышуу дагы таз кишилер аркалуу оюн болот. Жаңкыдай эле мыкты аттан мингизип, бөктөргүч байлап, баштарын жылаңбаштап, колуна камчы бербей эле, ашка союлган жылкылардын өпкөсүн кекиртеги менен алып келип колуна берип, жанакыдай эки киши коштоп келип, эки тазды бет кылат. Ал таздар өпкө жумшак эмеспи деп эки-үч чабыш менен өпкөлөрү үзүлүп жалаң гана кекиртеги колдоюп колунда калат. Бирок бүтүн кекиртек дагы жаман-жуман камчыга бергис катуу болот. Жана жакында үзүлбөйт. Ошол кекиртекке чыдай албай башка беш-алтыны жегенден кийин качып берген таздар дагы болот. Аны дагы шамдагай, өжөр, эр жүрөк таз койбой качырат. Жана аты мыкты болсо тегерене коюп өмгөктөтүп, кекиртек менен шакылдатып сабап жибергенде чыдай албай башын калкалап жалакай таздар аттан түшө качат. Качпасын деген менен жукарган башын кекиртек бат эле айра чаап жиберет. Булардын чабышы дагы элди күлдүрөт.
Кыз куумай. Кыз куумай деген оюн кудалашып жүргөн гана эки кишинин урук-туугандарынын жана жамаат элдеринин айт күндөрүндө боло турган оюну болот. Айт эмес убактарда болбойт.
Кыз куумай деген оюн абал эле кызга куда болуп, баласына алып берип, ошол кызды келин кылып алууга кыздын атасы менен уулдун атасы куда болуп жүрүшөт. Уулдун атасы жыл сайын кудасына топтоп мал берип, кудасына каттап жүрөт. Кыздын атасы кудасына ичик, кымкап баштап нооту, бейкасам аралаштырып топтуу чапан кийит кийгизип жүрөт. Уул менен кыз чоңоюп, бойго жеткенден кийин күйөө баланы кайнына каттатып, колуктусуна учураштыра баштайт. Күйөө күлүк ат, жорго жетелеп барып беш-он күнү күйөөлөп жатып балдыз, жеңесине таанышып, үйрөнүшүп, кайын ата, кайын энесинин сыйын көрүп, ырахаттанып кайтат. Ошол учурларда айт, арапа күндөрү болот деген элдин кубанычтуу майрамдарын тосуп турган кезде «күйөө келип калат го» деп кыздын ата-энеси жана айыл-апасы эңсеп турат.
Эртең айбашы деген күнү жакшы малдан жетелеп алып, эки жолдошу менен күн батаарга жакын күйөө келип калат. Күйөөнүн аттарын минип алып балдар чапкылап, айыл-айылга кабар салып, кыз-келиндерди жыйнап келет.
Эл чогулуп айт намазын окуп тарагандан кийин түрлүү тамашалар болуп жигиттер, боз балдар талаа-түздөрдө болот. Атка чыйрак келин-кызды чукул коштоп, элди аралай коё берип келип, ойкутуп турат.
Дагы бир жигит кыз-күйөөгө барып, элдин төмөнкү четинен нарыраак алып чыгат. Кыз күйөөдөн бир аз алдыга туруп аттын оозун коё берет, кыз куумай башталат. Күйөө кыздын артынан атына камчы уруп, кызга жеткенге далбас урат. Жеткирбей кеткен кызды келиндер, уландар тегеректеп алып үйүнө жеткиче, үйдүн жанында бир улак даяр болот. Кыз барары менен келиндер аякка суу куюп, көмүр салып чыгып, аттан түшө электе башынан айлантып ыргытып жиберип, аттан түшөрү менен улакты садага чаап жиберет.
Ар бир айт күндөрүндө улак тартуу, кыз куумай оюну өтөт. Азыркы мезгилде эгерде жигит марага жеткенче кызды кууп жете албай калса, атынын башын дароо кайра тартат. Кыз болсо кайрылып жигитке жетип алып, аны «Кыз куумай» башталган жерге чейин камчы менен сабап жүрүп отурат.
Ал эми жигит кызды кууп жетип алса, анда ал аттын үстүндө бара жатып, кызды өбүү укугуна ээ болот.
Жылаңач чабышуу. Жылаңач чабышуу чоң аш, чоң тойлордо гана болот. Башка майда аш, майда тойлордо болбойт. Анткени жылаңач чабышуу эр сайыш катарлуу оюндардан болот.
Жылаңач чабышка эң бир кайраттуу, шамдагай, өжөр кишилерден чыгат, булардын экөө эки урук элдин баатыры деп эсептелет. Аларга жалтанбаган же мүчөлүү жана качса кутулуп, кууса жете турган курч жана өкүм күлүк сымал аттардан мингизет. Кадимкидей бөктөрүнчөк бөктөрүп, эки басмайыл тартып теке жаргак шым, калың булгаары өтүк кийгизип, башын жоолук менен бек таңып, өзүн жылаңач коёт. Колуна бир камчы алып жана бир камчыны сол жак белине кыстарып алат. Жана эки баатырга эки киши экиден камчыны алып белендеп турат. Алардын алган камчысы өзөгү бек, көөсүн майда тилип шыкай өргөн, алакан жагы калың булгаарыдан жасалган, сабы ыргай же табылгыдан болот. Бүлдүргөсү жонуккан эски кайыштан болот. Аларды дагы бирден киши жетелеп барып жакындатып коё берет. Булар качырышып келип кайсы каалаган жерине тартып өтүшөт. Агер жылаңач далыга же капталга чапса сөзсүз кан жошула берет. Эти ооругандын ачуусу менен баштагыдан бетер сабашат. Карап олтурган элге чапкан жеринен чаң чыккансып көрүнөт. Кай бир кишилер булардын чабышканын көргүсү да келбейт. Бир камчысы үзүлсө жана бир камчысы менен чабышат. Ал үзүлсө жанагы киши кармап турган камчыны алып чабышат. Бирок булардын биринин эти канап, бири аман калбайт. Жылаңач болгон соң камчы тийген жерлер кубара түшүп эле бир пастан кийин кан чыга баштайт. Мында намыскөйү жана чыдамдуусу байге алат.
Көз таңмай. Көз таңмай деген оюн ашта, тойдо жана келин алуу, бала отургузулуп, чоң жоро-шеринелерде болот.
Көз таңмайга ар бир талаптуу киши чыгат. Мен чыгам деген кишинин көзүн баягы бир уруктан чыккан калыс тарабы өтө тыкыс жоолук менен жылчыксыз байлайт. Алардын көзү байлана электе элдин орто жерине узун таяктын учуна жоолук байлап, жерге бекем сайып койгонун көрсөтөт. Анын байгесин жарчылар мурда угузган болот. Көзү таңылган кишилерди жанагы таякты таап ал деп туш-тарабынан баарын тең коё берет. Мында карап олтурган көпчүлүк элге күлкү пайда болот. Анткени баягы кишилер ар бир жакка темселеп кулач жайып баса берет. Бул ортодогу көзү таңылган жыйырма-отуз кишинин ар биринин ар бир жакта жүргөндөгү борумун көрүп эл күлө берет.
Айгыр чабуу. Эки күнү тамаша болсо айгырга аялдардан мингизип, айгыр чабуу деген да болот. Өтө чоң аш, тойдо тамашаны арбытуу үчүн айгыр чабылат. Анда айгырды сүрөбөй чабат. Кээ бир айгыр бойдон чаап жүргөн күлүктөрдү чыйрак аялга мингизип, «жакын жер эмеспи» деп чаап жиберет. Өткүр жылкы болсо жакын жерге эти семизине карабай, күлүктөрдөн чыгып да келет. Ал күнү ошондой тамашалар менен кечти киргизип жай-жайына келип эл жатып калат.
Ханым дат. «Ханым дат!» жигиттер, келиндер, кай бир боз балдар, кыздар жана жигит агасы болуп калган, аял ортону болуп калган адамдар дагы ойнойт. Бул көпчүлүгү, дат урууда, күлкү, шоок үчүн көп ойнолот.
Эркек, аял, жигит, келин, кыз болуп жоон топ киши бир үйдө олтурса «Ханым дат» ойнойлу дешет. Хандын ою кандай болсо аткарышмай деп убада кылышат. Бардыгы тегерек олтуруп алып бир чүкөнү өкчөшөт. Кимдин чүкөсү алчы консо ошол киши хан болот. Жана бирөөнүн чүкөсү алчы конуп калса хандыкты ошол алат. Ошентип олтуруп бирөөнүн чүкөсү таа конуп калса ал ханга увазир болот. Ал экөө олтура берип, башкалары өкчөй берет. Бөгү түшүп калса эч нерсе болбойт. Анан чиги түшүп калса, ошол өкчөп чиги түшүргөндү увазир келип кармап: «Ханым дат!» – дейт. «Датың болсо айт!» – деп хан жооп берет. Увазир баландай малымды уурдап ушул киши алып баратыптыр деп арызын айтат. Хан туруп ой кылат: Билекке үч чап же ууртунан булчуй ал, же төөмантек ал, же кара кашка кой, же аңыр этин жедир, же түлкү сүйрөт, же чекеге черт, же мурунга черт дейт. Бул айтылгандардын бирин гана ойлойт. Бөлөктөрү ар ким ууру болгондо ойлонулуучу нерселер. Ошентип хандын ойлогонун аткарат. Бул арада чүкөнү баягы ууру болгон киши кайра өкчөйт. Алчы түшсө хан болуп калат. Таа түшсө увазир болуп калат. Бөгү түшсө кутулуп кетет. Чиги түшсө дагы ууру болот. Анда дагы увазир ханга барып: «Ханым дат» – дейт. Хан: «Датың болсо айт!» – деп, дагы жооп берет. Жанакыдай балан малымды уурдап баратыптыр дейт. Анда жанагылардын бирин дагы ойлоп салат. Аны дагы аткарат. Ошентип олтургандар ошондой жол менен ойлоп отура берет. Хан кай бир каары келген кишиге көп ойлоп салат. Мисалы, тогуз саап, тогуз булчуй деген сыяктуу. Аяган кишилерге аз гана ойлойт. Бир шап же чекеге черт дегендей. Кээ бир убакта келин, кыздардан ууру болуп калса ууруңду бетинен өөп кой деп да ойлойт. Ал кезде бир кишинин өкчөгөн чүкөсү алчы түшүп калса, эски хан түшүп, бул киши хан болот. Таа түшүп калса увазир түшүп калып, берки киши увазир болуп калат. Агер оңко түшүп калса ал киши түшпөс хан болот. Анда алчы түшүргөн киши увазир болот. Таа эч нерсеге жарабайт. Ошолордун арасынан бир тили тантык киши же келегей тилдүү киши ууру болуп калса, же бир кишилерден, же бир келиндерден, же бир уяттуу жашыраак жигиттерден ууру болуп калса буларга ушундай деп жаңылмач айтып берип кутулсун дейт.
Жаңылмачтардын бирин бат-бат айтпаса эл катары тогуз шап берип кутулат. Шаптан качкандар жаңылса да айтып кутулат. Бирок күлкүнүн көптүгүнөн шап бергендер ашыгыраак кыйналат. Төтөн тили келегей же чулдур кишилерди кайра-кайра айттырганда күлкү басылбайт.
Кара кашка кумай деген көмүрдү чайнап туруп ууру болгон кишинин маңдайынан мурдунун кыры ылдый куят. Түлкү сүйрөмөй деген бир жалпак идишке күлдү салып алып, күлдүн ортосун жылга кылып коюп, теринин өөнүн сүйрөп, ошону тиштеп ал деп күл менен сүйрөйт. Аңыр этин жедирмек деген – астыңкы, үстүнкү эрдин кармап алып «аңыр этин жедим» дедирет. Аңыр дегенде эриндерин тийиштире коёт. Көп күлкү чыгат.
Булчук алуу – жаштардын тамашалуу оюну. Мисалы, сармерден айтууда, жоро ичүүдө, шерине жеште, шайыр отурууда бирөөлөр айткандарын аткара албаса, бүтүм чыгарып «булчук» алдырат. Күнөөкөр бир жак жаагын булчуйтуп берет. Аткаруучу аны эки колунун эки элиси менен баса урганда, бурчуйган жери «булч» эте түшөт. Отургандар күлүп, тамашалуу оюнга эч ким терикпейт.
Отуруш жандана берет.
Шап алуу. Бул жаштардын отурушундагы тамашалуу оюн. Алар ич ара «мелдештерде бирөөлөр утулуп, же жеңилип калса, ортодон калыстар (бийлер) канча шап алаары бычылат. Күнөөлүү билегин тосуп берет. Уткан адам эки манжасы (сөөмөй, ортону) менен ошол тоскон билекке чабат. Катуу чапса, билеги кызара түшөт. Биринчиден, канчалык катуу чапса да ал терикпей, чыдамкайлыгын билдирет. Экинчиден оюнду жандандырууга өбөлгө түзөт.
Укуй алуу. Бул – шап алуудай ич ара тамашалуу оюнзоокторунан. Бирөөлөрү утат, бирөөлөрү утулат. Утулганына оюндун бийи жаза берет. Мисалы, андан үч укуй, беш укуй, жети укуй алуусу тийиш болсо, ал башын тосуп берет. Беркиси муштумун түйүп, сөөмөйүн урчуктатып туруп, «күнөөлүүнү» ошол айткан санда жанып алат.
Төөматек алуу. Бул – укуй алууга караганда катуураак, т. а., башын тостуруп, чыканактап туруп, урчуктуу муштум менен кагып алуучу тамашалуу оюн. Ал башка катуу тиет. Бирок оюндун эрежеси боюнча төөматек берүүчү чыдоо керек. «Шап алуу», «Укуй алуу», «Төөматек алуу» ойнолуучу оюндун тартибин бузууда, мисалы, «Упай», «Тогуз кумалак» ж.б. оюндары да көбүрөөк колдонулат.
Чекеге чертүү да жогорудагыдай жорукту кайталайт. Мында сөөмөй же ортон менен чекеге, же тасырайган башка «тарс эттире» чертет. Кылмышкер башын, чекесин тосуп берет.
Кишенетүү, мөөрөтүү. Өз ара оюн тамашаларга же ырдай, же бийлей албаса, же отургандардын көңүлүн көтөрө турган бир өнөрүн көрсөтпөсө, тамашага чалып: «Анда уйча мөөрөп, жылкыча кишенеп бер» дешет. Айрымдары: «Койчо маарап, эчкиче мекирен», «Төөчө боздоп, эшекче айкырып бергин», – деп кыйноого алышат. Ал ошолорду колунан келишинче аткаруу аркылуу эптеп кутулуусу ыктымал.
Ак чөп башымда. Оюн-тамаша учурунда оюнчу кээ бир учурда оюндун шарты боюнча жаңылып кетүүлөрү да болот. Туура эмес сөздөрдү да айтып алат. Ошондо «Ак чөп башымда», – десе жаңылыштыгы кечирилет, «жыдыдыга» жатпайт. Ал өз оюнун уланта берүүгө акысы бар, чүкө оюнунда аткан чүкөсүнүн сакасы алыс кетсе: «Таяке-сулакей меники», – деп жерге боюн сулк таштайт да, сакага кол сунат. Мында да «жыдыкей» болбойт.
КЫРГЫЗДЫН ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫ
Каада-салт, үрп-адат жана ырым-жырымдардын элибиздин жашоо-тиричилигинде «тарбиялык-таалим берүүчүлүк мааниси зор. Байыркы көчмөндөрдүн миңтүркүн ырым-жырымына, жүрүм-турум үлгүлөрү болгон. Тирүүчүлүктө адам баласы кадыр тутуучу мындай өрнөктөр – кийинки муундарга рухий байлык. Көбү унутулуп барууда. Ошондуктан, түшүнүктүү болуш үчүн аларды мүмкүн болушунча чечмелей кетүү эп.
Жайчы – кыргыз ишениминде киши күндү жаадыра алат деген ишеничтер болгон. Күн жаадырчуларды жайчылар деп аташкан. Жайчылар эт, майларды аябай жеп, анан күн жайлаган. Жайчыларда кара таштар болуп, ал таштарды кара сууга салып жай сөздөрүн айтканда, чайыттай ачык турган күн бүркөлүп жаай баштайт.
Жай таштар кызыл чаар таштар болуп, үйдүн ичинен чыгат экен. Кээ бир чоң адамдар жайчыларга суранып өздөрүнө каршы уруунун жерине жут түшүртүп, малы баштарын кырдырган учурлар болгон. Эгин, чөптөргө да жайлатын күн жаадырган. Аттын жалына күн тийгизип, соорусуна күн жаадырган жайчылар да болгон. Калмактан чыккан жайчылар кара сууну айран сыяктуу уютат экен.
Жайчылар тирүү кезинде жай ташын жерге көмбөсө, ооругандан баштап тынымсыз күн жаап, көргө койгондо да жаап, качан ичи көөп жарылганда гана күн ачылат экен. Жайчы өлгөндө ичине бычак жүргүзсө, анда күн жаабайт экен. Кай бир учурда кишилер жайчыларды кармап алып өрттөп да жиберген учурлар болгон экен. Жайчылар мындай деп айтат: «Таз каранын таңдайынан катты, Жагалмайдын жанынан катты» ж. б. айтат.
Жайчылык ишеними жөнүндөгү маалыматтар XI к. эле жазылган Махмуд Кашгаринин эмгектеринде кездешет. Андан кийин XIV к. тарыхчы Рашид ад-Дин да бул жөнүндө кабарлайт. Жайчылык байыркы түрктөрдө жана түрк тилинде сүйлөгөн элде көп кездешет. Жайчылык ишненими боюнча жайчы киши кар жаадырып, бороон болтуруш үчүн же болбосо жаан жаадырыш үчүн «жай ташты» ырымдап туруп сууга таштайт. Мындай касиеттүү таш аттын же уйдун ашказанында сакталат деп ойлошкон. Түсү көк, жашыл, кара болот деп божомолдошкон.
Далычы. Койдун далысын карап, же отко кактап, боло турган окуяны алдын ала айткан. Далы ачуу же далычылык түрк, монгол тилдүү элдерде кеңири тараган. Далычылар жөнүндө кыргыз эпосторунда кенен айтылат.
Кыдыр – адамды кыдыр колдойт (даарыйт). Кыдыр адамдын жашоосунда 3 жолу учурайт: 1) кара мурут убагында, 2) кара сакал убагында, 3) көгала сакал убагында жолугуп колдоп кетет. Үчтүн биринде кыдыр жукпаган адам ал түбөлүк жарыбай калат.
Кыдыр ар түрдүүчө кийинген жөнөкөй адамдар болуп жолуга берет.
Кыдырга жолуккан адам эгерде кол алышып калса, бармагында сөөк болбойт деген ишеним сөз бар.
Кырк чилтен – тынымсыз эң эле тез жүрүп, сүйгөн адамдарга эң кыйынчылык убагында жардам бере турган кырк жандар.
Бак – адамга таалай бере турган жан. Бул бак адамды карап эле койсо болгону, кыдыр токтоосуз даарыйт. Бак караган адам аябай бактылуу болот, бардык жагынан жетиштүү, бакубат жашап өтөт.
Баабедин – кандай болбосун бир шашкалаңда аты куласа жана ошондой майдараак коркунуч иштер болгондо тогуз токоч баабедин деп айтылат. Тилек орундалганда айтылган баабедин өткөрүлөт. Баабедин илгери болуп өткөн касиеттүү бир даам экен.
Садага чабуу – ооруган, жоодон кутулуп келген жана дагы ушу сыяктууларга улактан садага чабуу, кара торпок кескилөө, кийимдерин талатуу ырымдары болгон.
Бал китеп ачуу – уйгур, өзбек молдолору бал китеп ачышкан. Алар кыргыз араларына келип, бал китеп ачып, болор иштерди айтып, элди ишендиришкен.
Баш тегеретүү – уйгур, өзбек молдолор кыргыздарга аралап келишип, эри аялын же аялы эрин сүйбөсө дем салып, ырымдар жасап, аларды бири-бирин жакшы көрүштүрүп койгон учурлар болгон. Бул адат «баш тегеретүү, же жылуулук» деп айтылган.
Көзү ачыктык – адамдар арасынан кээ бир адамдар көзү ачык болушат, башкача айтканда, оору кайдан тийгендигин, кандай кылса айыгарын, кандай душманы же кандай зыян күтүп турганы, же кандай жакшылык болорун, келечегин көрүп тургандай айтат. Мындай кишилерди көзү ачык дешет. Көзү ачыктар ооруну дарылабайт, жөн гана болгон, боло тургандарды айтып берет.
Кут – бүбү, бакшыларга ырымдатып коргошундан куйдуруп, төргө жабыкка илип коюп, аны «кут» деп эң касиеттүү санаган. Бир ишке ишендирмекчи болушса: «Куттуу үйдө турам го» – деп таасирлүү, ишеничтүү кылып айткан. Оокаттуу, жакшы жашап турган бай адамдар кутмандуу бай деп айтылган. Кут өзүнчө коломтого түшүп калат деген ишеним күчтүү болгон.
Арбакка сыйынуу – кыргыздар бир чоң тилек тилегенде же бир жакшы ишти жасоодо шашып калса ж.б. учурларда дайыма арбакка сыйынып «арбак колдо» деп башташат.
Жер-суу таюу – кыргыздар жаз, күз ушул эки убакытта түтүнгө бирден кой, же улактарын бир таза бош жерге чогулуп алып союшуп, жер, сууга жалынып тайып, эттерин жеп бата кылып тарашат. Күн, ай тутулуп, жер титирегенде, оору-сыркоо көбөйгөндө да чогулуп жер-суу таюу, жерге, сууга жалынып жакшылык тилөө адаттары эң күчтүү орун алган.
Төлгөчү. Бул – 41 кара ташты «сүйлөтүүчү» пенде. Адамдар алыс жол-сапар чеккенде, мал-сал жоголсо, же көпкө кудай жолунда жүргөндө ж.б. шарттарда касиеттүү адамдардан төлгөчүлөр чыгат. Аны кесип тутат. Жайнамазга 41 ташты сүрүп, үчтөн үч сапар бөлүп, топ ташты карап, адамдын тагдыры тууралуу сүйлөй баштайт. Төлгө салаарда таштар «ачык айтып, ак сүйлө» деп чекесине, колуна, оозуна тийгизип, анан ишти баштай турган. Мурун: «41 ташка ишенбейсиңби?» – деп, бул эм-домго ишеним артылган. Кийин: «Ботом, 41 ташка да ишенет турбайбы», – деп калышкан.
Төлгөчүнүн айткандарынан: «Башы тогуз, аягы алты, кудай буюрса, укмуш төп төлгө. Уулуңдун кабагы жарык, курсагы ток, орто жолдо, түнү менен үйгө түшөт. Той камын көрө бергиле».
«Кызыңдын кабагы бүркөө, ошол үйдө чыр-чатак бардай. Мына, кайын энеси кабаарып калыптыр». «Мына, кызың балдарын ээрчитип келип калды. Бүгүн мындай төлгөнү биринчи салышым. Пайгамбардын ак төөсү жоголгондой төлгө болуптур». (Пайгамбардын төөсү жоголот, төлгөчү «табылат» дейт. Чын эле төөсүн таап келет).
«Буюрса, күйөөң келет. Адашкандын айыбы жок, кайра эле бала-бакырасы менен жыргап-куунап жашап калат». «Кызың күйөөгө жакында чыгат. Күйөө балаң ырыска шерик тура!»
Бычак аркылуу төлгө салуу. Төлгөчү бычакты жерге саят да: «Уулум келсе, үч карыштан ашык бол, келбесе үч карыштан кемип кал» – деп, бычак сайылган жерден өзүн көздөй кере карыштайт. Ал, адатта, туура чыгып калат имиш. Буудайды кууруп, үчтөн терип жеп отуруп, буудай бүткөндө аягы үч чыкса, жакшылыкка жорушат.
Камчысын берип жиберүү эми-дому. Илгери айыл ичинде өзүнүн жекече касиеттери аркылуу өзгөчөлөнгөн дөр боло турган. Ал молдобу, бакшыбы, табыпчыбы, албетте, өтө таасирдүү сезилген. Анын кылган аракеткыймылы ишеним туудурган. Ошондойлордун бири «зайыптарды кара басты» дечү. Төрөй албай кыйналып жатканда таасири журтка дайын адамдарга чапкан. Ал: «Мен баргыча эмдей тургула», – деп камчысын берген. Камчыны «карабастыга» эки-үч курдай тийгизип койсо эле куландан соо боло түшкөн ишеним бар.
Камчы менен көзүн ачуу. Эм-домдун салтында көзү ачылып, ушул кесипти аркалоо үчүн бирөөлөр ага себепкер болот. Ал ошол мурунтан эм-дому калыптанган пендеге барып, анын айткандарын кылган, таалимин алган. Анан камчысына ал эмин түшүрүп, камчы менен батасын берип, кайра аткарган. Көзү ачык элине келип, жабыр тарткандарды, дарты барларды кабыл ала баштайт. Эми ал табыпчынын дарамети канчалык деңгээлде, эл өзү калыс тараза.
Моюнга камчы салуу – бир киши экинчи бир жакынына жазык иш кылган болсо, жарашканда ордунан тура калып, моюнуңа камчысын салып кечирим сурайт. Мындай болгондо таарынычы кечирилет.
Моюнуна буурчак салуу – бир адам ооруп алеттен өтө албай жатканда кудайга жалынып эң катуу тилек тилеген эне-атасы же бир тууганы «мени ал» деп тегеренет. Же бирөө ооруп өлөр алга келип жатканда анын жакын туугандары моюндарына кой байлоочу буурчакты салынышат да кудайга жалынып тиленишет.
Түлөө – бир кубанычтуу күндөрдө же оору убагында мал союлуп элге тамак берилет. Ал түлөө деп айтылат.
Ак сары башыл – бир ишке тилек кылынганда, же оорулар болуп жатканда назыр айтылат. Мисалы: жылкыдан ай туяк, уйдан ача туяк, койдон ак сары башыл айтылат. Тилеги орундалганда, жолдукка айтылгандар берилип жана союлуп элге берилет.
Чөгөлөтүү. Бул – күнөөгө батуунун бир түрү. Айыпка жыгып өчтү чегерип алуу, элдик жазалоонун мерчемдүүсү. «Чөк» – эки тизени бүгүү. Негизи төөнү чөгөрүүдөн калган. Чөгөлө – тизелөө, чөк түшүү – тизелеп, эки бутту көчүккө коюп олтуруусу. Чөгөлөтүүгө дейре баруу – күнөөсү өтө күчтүүлүгү. Мында өзү эле жасагандарын чөк түшүп, башын жерге салып, курун мойнуна алып, эмне кылсаңар да мен силердин жазага кайылмын деген кыязда болуусу.
Экинчиден, минтүү аркылуу кылыгымды кечиргиле, мындан ары минтпейм, экинчи андай иштерге барбайм дегени.
Туз жедирүү. Бул – айыбын моюнуна койдуруу. Туз ачуу да, ошондой эле тамакка татытсаң таттуу да! «Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз» (Макал). Адам бир ката кетирсе, калың элдин сынына коюусу, бүтүмдү ошолор чыгаруусу, аябай эси-көңүлүнөн калгыс абалга келтирүүсү. Мындан ары андай иштерге барбоосу, демек, өтмө мааниде алганда да ага туз сугунтууга барабар кылуусу.
Нан тиштетүү (даам сыздыруу). Бул – адамдын актыгын билүү күбөсү. Аны тиштөө менен ал пенденин тазалыгына ишенүүсү. Нан улук, ыйык нанды адамзат танбайт. Ошон үчүн:
Биринчиден, бул антташууга, анттан кайтпоого өтүүсү;
Экинчиден, бирөөлөрдөн шектенсе, күнөөсү болсо, нанга коюп актыгына аны тиштетүүсү. Ошондон кийин ишенимге ээ болуусу. Тузга сийдирүү, туз жалатуу сыяктуу жөрөлгөлөр да буга үндөшүүсү.
Мүрзө тегеретүү. Бул – эң эле олдоксон адаттардан. Анын актыгын, каралыгын билүүсү, ошондон кийин ага ишенүүсү. Көргөн, көрүстөн мүрзө – маркумдардын түбөлүк жайы. «Эгер ошол ишти мен жасасам, күнөө кылсам, мына ушундай боз топурак жамынып калайын?» – деп айтышы, үч ирээт тегерениши, тирүүчүлүктөгү эстен кетпес тозогу. Арийне, мындай зээн кейиткен ишке баруусу – ошол адамын бул жарык жана жалган дүйнөдөгү пендечиликке сыйбай турган эң эле акмакчылыгы, жексурдугу.
Актыкка ак адамдын тегеренгендиги өмүр бою өзөгүндө калуучу анын шору.
Мал-башым тартуу. Бул – согумун тартуу кылуудан айырмаланат. Т. а., бир айыпка жыгылса ж.б. күнөө кетирсе, ошол пенде ортодон калыс адам алып, өзүнүн күнөөсүн толук сезип, моюнуна курун салып, кечирим суроочу үйдүн эшигин аттосу. Калыс адамдын алдында кылган күнөөсүнө карата өзү чыгымын берүүсү. Бул – элдешүүнүн бир белгиси. Мында да: «Алдыңа келсе, атаңдын кунунан кеч» деген элдин айкөл бүтүмү эске алынат.
Чакоо. Ал да ырым-жырымдардын катарына кирет. Муну элибиз жакшылыкка жорушат. Адам чакаары менен: «Майга-сүткө, жаңы сойгон этке»,– деп дароо айтуучу.
Албетте, бул ишенимдүүдөй туюлат. «Буйруса, бирдемеге тамагым майланат тура, чакап жатам»,– дейт.
Мазарга сыйынуу. Адатта, мусулман калкында мазар, көзү ачыктар, айыл ичиндеги айрым таасирдүү адамдар бүбү, бакшылар, колунда эми-дому барлар, төлгөчүлөр, молдолор, далы, күзгү, ачкандар ж. б. касиеттүү сезилген. Алардын колдорунан бирдеме келүүчүлөр катары ишенимге ээ. Мазар – ошондой ишенимдин ата башы: Мазарга, биринчиден, төрөбөй жүргөн, баласы токтобой жүргөн зайыптар, экинчиден, оорулуулар (эпкиндегендер, жин оорусу барлар), көзүн ачуулар атайын ишааратын жасап, алыс-жакындан барып, кудайдан тиленген. Нарын бөксөлөрүндө Кочкор-Ата мазары. Ошто Сулайман тоосу, Таласта Манас күмбөзү сыяктуу адамзат пендеси сыйынуучу жайлар бар.
Сезгенүүнү эмдөө. Ал алгачкы ырым-жырымдарга кирет. Ишенимде ай-күндү, кыбыланы, күлдү ж. б. карап, заара ушатуудан, суук тийүүдөн, таза жүрбөөдөн бул ооруга чалдыгат имиш. Муну эмдөөдө жети кара ташты ысытып, адырашмандын ашын кайнатып, ошону ташка сээп, тумчуланып өзүңдү кармоо, жатып тердөө. Муну үч курдай кайталоо керек.
Тилине тибиртке чыгуу. Бул – элдик ырым-жырымдардан. Тилдин учуна сөөл сымал таруудай бирдеме пайда болот. Ошону тибиртке дейт. Аны кетирүү керек. Бирөөлөргө: «Менин тилиме тибиртке чыкты» – дейт. Ал үч адал, үч арам немени айтыш керек. Бул анын эмдегени болуп эсептелет.
- Тилиме тибиртке чыкты.– Тайдын көчүгүнө кат.
- Тилиме тибиртке чыкты.
- Тилиңди койдун куйругунун алдына кат.
- Тилиме тибиртке чыкты.– Уйдукуна кат.
- Тилиме тибиртке чыкты.– Иттин көчүгүнө кат.
- Тилиме тибиртке чыкты.– Мышыктыкына кат.
- Тилиме тибиртке чыкты.
- Арстандыкына кат.
Ошондон кийин тибирткеси бар адам: «Туба, туба, туба, кайран тилим бок болду, тибирткеси жок болду» деген ишенимге ээ.
Бөрү тоют. Бөрүнүн экинчи аты карышкыр, онунжүзүн тамактап, эркинче ойноп, бирөөнү жеген бөрүнүн өз аты өчүп, калктын: «Каргышынан жаагың карышып калгыр» дегенден улам карышкыр аталган. Ал жырткычтын дайыма эле жолу боло бербейт. «Талаа санитары» аталгандыктан ага тарптар, алардын калдыктары жолугат. Аны жейт, чала тоюп калат, кээде ач да болот. Адамзат да дайыма эле бирдей тамактанбайт. Тоёт, орточо тоёт, кичине шам-шум этет. «Бөрү тоют» – ээрди-тилин жаланып, тамшанып, даамын татып калуусу, ортодон төмөн тоют болуусу.
Бычакты чалкасынан койбоо. Эл ичинде айрымдарды «бычагы курч» деп коюшат. Себеби ал малын анча өстүрбөй, дайыма эле союп салат дегенге такалат. Кээде дасторкон үстүндө жаткан бычактын мизи өйдө карап калат. Ошондо аны андай койбой, кырынан жаткырабыз. Албетте, минтип соё берсе, бара-бара томаяк болуп калбасын деген ишеним ой жатат.
Камчысынан. Ат айдактоочу курал кадимки камчыга байланыштуу көп ырым-жырымдар, болжолдоолор, чындыктар бар. «Камчысы катуунун – катыны уяттуу» – деп да айтылат. Камчыны бүктөй кармоо – ичинде ачуусу, кеги бардык. Камчынын өрүмүн, түшкүнүн сүйрөй кармоосу – дили ак, эч кандай кара санатайлыгы жоктугу. Камчыны бөйрөккө таяп отуруусу, камчыны үйрө алуусу – өзүнчө кузаматчылык. Эми «камчысынан» деген туюнтмада эрдин алган жарын жакшылыгына же жамандыгына жорулат. Эр азаматтын жары жакшы чыкса, «Камчысы жакшы», аялдын жаманы жолукса «анын камчысынан» дегенге жорулат. Канча катын алса да: «Ой, анын камчысы ошондой»,– деп коюшат.
Ыктытып калса. Бул чыйрыгуудан болот дейт. Албетте, көпчүлүктүн көзүнчө кызыл өңгөчтү тарта, ыктытып туруу кандайдыр адамга кополуураак угулат. Ыктыткан өзү уяла түшөт. Мындай шартта аны күтүүсүз чочутуучу, намысына келүүчү сөздү айтуубуз зарыл. Мисалы, «Ой, жылан жатат», «Машина тепседи, мындай бол» «Сага, ушинтип, арамдык жакпайт, аны уурдап эмне кыласың?» ж.б. сөздөрдү угаар менен анын ыктытканы дароо басылат имиш.
Төл учурунда. Беш түлүк төлдөө да өзүнчө өткөрүлүүчү ырым-жырымдар бар. Төлдө чыгаша чыкпоо үчүн тубарларын чубатуудан өткөрүшкөн, мисалы, балык түтөтүүчү.
Бул төлдүн өлүм-житимсиз кайра үмүттүү карап, көбөйүшүнө жорушкан, балыктай төлдөсүн дегени.
Бычакты башка коюу. Уктап жатканда бирдеме жылып келип, үстүндө оор жүк боло түшөт. Адам демигип, кыйкыра албай да калат. Ошону «шайтан келип басты» деп айтат. Шайтан бычактан коркот имиш деген түшүнүктө ырым кылып, бычакты дайыма коюп жатуулар бар.
Колду силкпөө. Колду жуур менен аны жүз аарчысына сүртүүчү. Кийин атайын сүртүшкө сүлгү чыкты. Эшиктен үйгө кирерде колун жууп кирүү, албетте, маданият.
Анткени сыртта жүрүүдө бирдемелерди кармайсың. Андыктан үйгө кирүүгө кумган, сүлгүнү даярдап, үй ээси суу куюп, кол жуудуртат. Бул – адептүүлүктүн, тазалыктын, адамдыктын чеги. Колду сүлгүгө, бет аарчыга сүртүп кургатпай туруп эле айрымдар суулуу колун силкет. Ошол өтө одоно адат. «Колуңду силкпе, ырыс-кешигиңди кошо силкип жатасың», – деп карыялар тескеп туруучу. Бир нерселерди жактырбоодо колун силкип басып кетүүлөр болот. Көпчүлүктө кол силкпей сүйлөөбүз керек.
Желин чочуса. Беш түлүк малдын желиниби, эмчегиби чочуду дейбиз. Элдик ырымдарды мында да колдонобуз. Адатта, өлүктү сүртүп жууган чүпүрөктү ырым үчүн майдалап айрып бөлүп кетишет. Аны таза жууп катып коюшат. Мына ошол чүпүрөктү желинге, эмчекке тийгизет. Муну миңдин бири деп коюшат.
Бармагын тиштөө. Бул – устакерчиликтеги жана узчулуктагы ырым-жырым. Кереметтүү Дөөтүнүн жолун улаган усталар да бар. Ошол Дөөтүнүн өзүндөй касиеттүү сезилген. Анын шакирти болуп, устага жардамдашчу. Көмүрүн өчүрүп, көрүгүн басып, күжүсүн күйгүзүп, алар бара-бара өзүндөй узанып, андан да ашкан уста болуп чыккан. Мындан: «Устадан шакирти өтүптүр» деген сөз калат. Жөрөлгө үчүн улуу усталардын, кайкач уздардын баш бармактарын кичине тиштетип, алардын ак батасын алдырып да койчу экен…
Батадан бүткөн бала. Кыргыздардын байыртан бүткөн макалдарынын бири. «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт», «батага чакыр», «бата алып кел», «батасы сая кетпейт», «батасын сыйла» сымал тилек-максаттардын түпкү чыгышы ырым-жырымга барып тогошот. Мындан ишеним пайда болот. Улуулар, көп жашагандар, көптү көрүп, жашоо-тиричиликтин тажрыйбасына каныккандардын баскан жолдору, калтырган издери кичүүлөр үчүн керемет, зор касиет. Мурунтан айтылып келген журт карысынын жайган алаканы ыйыктай сезилген. Буга мисалдар көп.
Карыларга сыйынуу. Ата-баба салтында улууларды сыйлоо, улуу жашка чыгуу, андай адамдарды керемет катары көрүү наркы бар. «Карыя жүздөн ашты», «Байбиче жүзгө чыкты» десе, алардын мынча жашоолору кийинки муундарга таңсык да, үлгү да! «Баланын чоң энесин чакыргыла», же «Ошого бирдеме жеткиргиле», «Бата алып кел», «Батаны ошол чоң атамдан уккула» өңдүү жөрөлгөлөр элибиздин сыйкорлугун, ынтымак-ырысын аныктап келген. Андай улуу жашты жашагандарга эч бир жардамын аяшпаган. Айыл үстү урматтаган. Ырым үчүн ал адам көз жумганда бирдемелерин алышкан. Таберик кылышкан. Эски көйнөгү болсо да бөлүп-бөлүп кетишкен. Беттерин, көздөрүн сүртүшкөн. Кешик түбүн талашып ичишкен… Эң негизги ой-тилек – так ошондой улуу жашты самоо, «Кудай ушунун жашына жеткизсе экен» дегени.
Дамбал уурдоо. Эрди-зайыптардын эң биринчи зары балалуу болуу, уулдуу болуу. Ал үчүн эчен алакеттен өтүшөт. Сыйынуулар көп болот. Ошолордун бирөөсү төрөп-түшүп турган аялдардын жуулган дамбалын уурдап кетүүсү. Аны ошондой аялга кийгизүүсү. Ал ырым-жырымдан кийин балалуу болуусу. Эркекти арбын төрөгөн зайыптардын дамбалын уурдоо ырым-жырымы илгери арбын кездешкенин байбичелер айтышат.
Майлык уурдоо. Кыргыздарда сүлгү болот. Аны менен жүзүбүздү аарчыйбыз. Суулук аркылуу эт жеш үчүн жуулган колду кургактайбыз. Желген эттин чыгын, майын, аарчуучу буюмду «майлык» дейбиз. Албетте, ал ар дайым таза, бирок майланышып турат. Илгери байдын үйүнөн эт жеп бүткөндөн кийин, колун майлыкка аарчып, аны катып алуу ырымы жолуккан. Бул – ушул байдай малдуу-жандуу болсом деген ишенимден келип чыккан. Топу уурдоо да адамдын касиеттерин жугузуу болуп саналат.
Аян (Аян берүү). Бул – касиеттүү, кереметтүү белги. Даанышмандардын омоктуу ойлорунун ич ара жоруктары, берген белгилери, анын аңдап кармап, ыйык тутуулары. Кыргызда кандардан, бектерден, бийлерден, улуктардан аян кармачылар айтылып келген. Көргөн түшүнөн чочуп калуулары болгон. Ишенимдин күчү менен оңго жоруулары бар. Эл ичи тынчтыгы, бейпилдикте жашоолору, арам ойлуулардын, зулумдардын бирөөлөргө көз артуулардын чыкпасы үчүн чыныгы журт ээлери толгонот, ойлонот, жүрөгүнөн өтөт. Дилин берип, зээнин салып, дитин коёт. Табияттын ар кандай кубулуштары аркылуу өзүнүн кетирген кемчиликтерин же жакшылыктарын сезип турган. Азыр замана бузулуп, элдин пейили тарып, ыдырап баратышын эгем билет. Билип, жаратылыштын өзү таарынып жатышын аян аркылуу боолголоого болот. Түшүндө аян берип, дал өзүндөй чыккан учурлар да бар. «Ага аян берди» – деп айтылат да, ал адамдын касиети артылган. Кыргыз эли эзелтеден «Аян» сөзүнө зор маани берип келген. Алар өз жашоо-тиричилигинде, турмуш шартында болуучу түрдүү кырсыктын, өзгөрүүнүн, ар кыл кокустуктардын болуусун алдын-ала табияттын, көктөгү жылдыздардын кыймылынан, белгиаян кылып туюнган. Ошол аяндарды турмушта болуп туруучу чындык катары ишенишкен. Бул «Аян» берүүчү белгилер жеке эле кыргыз элинде эмес, бүтүндөй чыгыш элдеринде: Япония, Кытай, Вьетнам, Корея, Араб, Иран, Пакистан, Ооган, Монгол, Манжур, Тибет, Уйгур, Өзбек элдеринде кеңири таралган.
«Көз тийди болду» («Көз тийди») Бул – элдик ырымжырымдын бири. Ишенимдин чындыкка жакын пайда болушу. Арууркап калуу – көз тийдинин бир түрү. Бирөөлөрдүн жакшы көрүшү, сугу түшүүсү аркылуу мындай жоруктун жаралышына чоң-кичинелер бирдей кириптер. Мисалы, бөбөк бирөөлөрдүн көзүнчө кийинип, татынакай көрүнүп, талтөөндөй сайрап турса, бирөөлөргө жутуп ийчүдөй маанай алып келет. Кокус анын күтүүсүздөн эти ысып, кусуп, тамакка табити тартпай, улам арыктай берсе, муундарына бирдемелер чыбырчыктай чыкса, ага «көз тийди», «кирине кирди» болот. Мисалы, нанды сындырып 7–9 бөлүп, мүчөлөрүнө тийгизип көрсөтүп, итке суктап берет. Ошону менен иттин сугу өтүп айыгат. Демек, кирине кирбөө, арууркап калбоо, б.а., көз тийбөө үчүн: Биринчиден, бөбөктөрдү өтө эле кооздоп кийгизбеген; Экинчиден, көз мончок таккан; Үчүнчүдөн, жети кара ташты денесинин ыңгайлуу жерине каткан. «Көзүңө көр топурак кирсин», «Көзүңө кара таш тийсин» өңдүү наалат, каргыш сөздөр ошондойдо айтылган. Ата-энелер: «Капыр, ий, тирүү жүрчү бала эмес эле» – деп айтышат. «Адамдын мээри түшсө, кудайдын каары түшөт» – дейт.
Мартуу басуу. Кыргыздын түшүнүгүндө жин, албарсты сыяктуу нерсенин даарышы. Байыркы заманда кыргыз эли түрдүү оорунун ээси бар деп түшүнгөн. Ошондуктан ага табынган, андан корккон. Албарсты, ажына, кучунаш, мартуу сыяктуу көзгө көрүнбөгөн нерселер адамды даарыйт, басат, калтыратат деп түшүнгөн.
ЭЛДИК ЫРЫМ-ЖЫРЫМ ЖАНА ЭМ-ДОМДУН ӨКҮЛДӨРҮ
Молдо. Бул – мусулман элинде дин өкүлү. Куранды мыкты өздөштүрүп, анын осуяттарын жалпы журтка таратуучу. Шарият жолун негиз тутуп, жүрүш-турушу үлгүлүү, адеп-ахлакты таза кармап, маркумдун зыйнатын маданияттуу тарапка буруучулар. Араб тилиндеги куранды которуучулар, көпчүлүк сүрөөлөрдү жатка айтуучулар. Аят чийүүчүлөр элирмелерди окуйт. Дубанын күчү аркылуу жаратылышка, айбанаттарга таасир берет. (Мисалы, сууну бозортуп ылайлоо, адамды айбанаттарга убактылуу айлантуу ж.б. ишенимдер болгон.) Молдолор куран түшүрөт. «Сополдиер», «Касыйда» окуйт. Ал диндик билиминин бийиктиги болуп эсептелет.
Имам. Бул – беш убак намазын жазбай окуучулар. Курандын бир аз сүрөөсүн билүүчүлөр. Оорулууга дем салуучулар. Ыйман айтуучулар. Анын ичинде маркумдун зыйнатын таза жүргүзүүчүлөр, жаназа окуучулар. Өзүн адептүү алып, мусулмандарга өз үлгүсүн көрсөтүүчүлөр…
Ажы. Бул – Мекеге барып, Алла Таалага, кудайдын кулуна, Мукамбеттин үмөтүнө, мүлдө мусулмандардын шейиттерине ак дилден жалынып-жалбарып, бардык буйруктарын аткарууга башын сайып койгондор. Алар кайра келээри менен мурунку жоруктарын жасашат. Ажысы кабыл болуучу күн – Курман айт. Ошондо баруучулар үч күн ичинде Ажысына Кудай Таала ишаарат берет.
Калпа. Бул – молдонун жардамчысы. Беш убак намазын жазбайт. Айыл ичинде имамга орун басарлык кылат. Имам жокто анын милдетин үндөктөөсү боюнча иш аткарат. Маркумга топурак салуучуларды ирээттейт. Болор ишти жарыялайт. Даарат алуу, жаназага туруу, алакан жаюу, бата кылуу, ага багыштоо ж.б. шарияттын жолун элге-журтка айтып турат. Молдолордой, имамдардай айрымдары ич ара шарияттан кеп козгой да алат. Бассатурса келме келтирип, молдо, имам менен катардаш турат.
Шайык. Бул – кудайымдын сүйгөн пендеси катары талаа-түздөрдү, мазарларды, көрүстөндөрдү ж.б. кереметтүү жерлерди маанектейт. Көбүнчө жалгыз-жарымдап жүрөт. Ал – мазар ээси. Сыйынып баруучулардан жардам алат. Сыйынуу жолдорун үйрөтөт. Анын түнөгү ыйык жер – мазар. Жашоо-тиричиликтерин ошол жайда өткөрөт. Т.а., өзүн кудайдын ишенимдүү өкүлү катары эсептейт.
БИР АПТАГА ТӨЛГӨ КҮНҮ
Дүйшөмбү. Дүйнөнүн бүткөн күнү, аалам жаралган, пайда болгон күн. Бул күнү үйдөн үйгө көчсө жакшы жышаан. Эгерде кулак кычышса, үйгө киреше маарыйт. Оң көз тартса, сары убайым-санаадан арылып, жакшылык жаайт. Ушул күнү жуучу түшүп, нике кыйылса, жакшы жышаан. Жакшы тилек менен иш жасаган адам ниетине жетет. Бул сапарга таң куланөөк салганда чыккан жакшы. Күн Чыгыш беттеп сапар жүрүүгө болбойт. Ушул күнү кандайдыр бир изги тилек менен үлгүлүү ишти же үй тургузууну баштаса, чачын, тырмагын алдырса жакшы жышаан. Мейманкерчиликке баруу да жөндүү болот.
Шейшемби. Бул күнү кийим бычып-тигүүгө болот. Тигилген кийимди ошол күнү кийсе болбойт. Анткени ушул күнү тигип кийген кийим сөзсүз өрткө кабылат деген түшүнүк бар. Тырмакты, чачты алса да болбойт. Түрдүү ооруга чалдыгуусу мүмкүн. Кулак кычышса, көз тартса сөзсүз садага берүү керек. Бул күнү жуучу түшүүгө, нике кыюуга болбойт. Бир жакка сапар жүрсө шашкеде чыккан дурус. Түштүк багытына сапар жүрүүгө болбойт. Ата-энеден жалгыз туума болсо, ушул күнү сапарга чыкпоосу ийги.
Шаршемби. Бул күнү бир үйдөн экинчи үйгө көчүп кирүүгө болбойт. Ошол көчүп кирген үй кырсыктуу болуп кара жолтой аталып калуусу мүмкүн. Ушул күнү жаңы кийимди бычып тигип кийсе өтө жакшы. Чач, тырмактарды да алса болот. Ушул күнү кулак кычышса да үйгө киреше кирет, оң көз тартса бөтөн жерге жолоочулап сапар тартат. Бул күнү сапарга таң супасында чыгып кеткен дурус. Жуучуга барып кудалашса, нике кыйса боло берет. Ушул күнү төрөлгөн перзентке каалагандай ысым койсо жараша берет. Төрт тараптан оомат келүүчү, ар кандай жакшылыктарга жарчы болор жеңил күн деп саналат. Ошол себептүү, ушул күнү малды биттөө, түрлүү ооруларды тескеп кароо жагымдуу болот. Ушул күнү бойго жеткен кызды өз түгөйүнө узатуу салтанаты болсо андан жакшы.
Бейшемби. Бул күн ак төөнүн карды жарылган береке, молчулуктун, токчулуктун күнү. Ушул күнү ай дагы, күн дагы катуу тутулат. Түрдүү кырсык, оору, өлүм ушул күнү өтө көп болот. Ушуга карап азык-түлүк, сарамжалын шай кылуу зарыл. Жаан-чачын да орточо абалда болуп турат.
Жума. Бул күнү ободо Чолпон жылдызы ээлик кылат. Жааган жамгыр нөшөргө айланат. Бала-чаканын ден соолугу жакшы болот. Элде азык-оокат, кененчилик болот.
Ишемби. Бул күнү көчүп-конуу жакшы жышаан. Жаңы кийим кийген жакшы, көпкө турбай тез жыртылат. Кулактын ушул күнү кычышуусу – жылуу кабардын жышааны. Оң көздүн тартуусу да жакшылыктын белгиси. Дал ушул күнү чоң-чоң иштерди баштаса өнүмдүү болот. Анткени «иштин башы ишемби» деген сөз бекер жеринен айтылган эмес. Ушул күнү иш баштаса, соода-сатык жакшы жүрөт. Эгерде сапар жүрсө, бешимден кийин жолго чыксын.
Жекшемби. Жаңы кийим бычып-тигип кийсе жакшы жышаан. Кулак кычышса, конок күтүлөт. Оң көз тартса, чоң олжого туйтунат. Үйдүн ичин тазалоо зарыл. Арбактар ушул күнү үйгө байырлап, түрдүү кырсыктардан арылтат. Алыс сапар жолго чыкса, сарт бешимден кийин камынса дурус. Жаңы үйдүн жерпайын бул күнү түптөөгө болбойт.
Бул күнү жан жыргатып эс алганга не жетсин!
ЭНЕ-БАЛАГА КАРАТА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР
Байыртадан берки кылымдарда кыргыз эли өтө бай, өзгөчө оозеки чыгармаларды жаратты. Алар көркөм чыгармачылыкта өз эмгегин, жашоо-тиричилигин, каадасалт, диний үрп-адатын, ырым-жырымын чагылдырды. Биздин күнгө чейин далай сыноодон өткөн көркөм мурастарга ырым-жырым кирет. Ырым-жырымдар ар бир адам баласынын тагдырына туш келген жосун. Ал майда ырлардан баштап эпосторго чейин тарап каада-салтка айланып кеткен.
Ырым – Адам баласы жашоо-тиричилигине кылдат, сак, адамгерчиликтүү турушу үчүн жолдонгон. Ал учкай, жеңил айтылганы менен турмуштук мааниси өтө терең. Адам жашоосуна багыт берип, милдетин так аткарып, жакшы, таза жашоо үчүн жасалат.
Жырым – Адам көп жаманчылыкка кабылбоого, сак жашоого, эл ичиндеги жакшылыгын жолдоого, жаманчылыкка барбоого жолдонот.
Бабалардын акылмандуулугу. Кыргыздар баласын үйлөгөндө башка айылдан, башка уруудан кыз алып берүүгө аракет кылган. «Өз айлынан аял алгандын тукуму – күйпүл күчүк, кыр ашырып алгандын тукуму – карышкыр, ашуу ашырып алгандыкы – арстан» деген сөз мына ошондон калган. Ар бир кыргыз уулунун жети атасына чейин билүүсү, санжыра сүрүштүрүүнүн негизги милдеттеринин бири дал ошол жакын туугандардын каны аралашып кетүүдөн сактоо болгон. Биздин ата-бабаларыбыздын өзүнүн тукуму, гени үчүн алдын-ала кам көрүүсү – бул чоң акылмандуулук.
Жаш жубайларга тыюу. Эгерде жаш жубайлар суу чачышып тамашалашып калышса, аларды тыйып койгон, анткени жаштардын ысык мамилелери суу сепкендей муздайт деген ишеним бар.
Жаш келин үйдүн үстүнө чыгууга тыюу салынган, анткени келиндин кайната менен кайненесинин төбөсүн басканына барабар болот.
Төшөк салганда анын бүктөлүү жагын кыбылага караткан, тескери салса бала тескери келип калат деген.
Баланын мойнуна киндиги оролбош үчүн кош кат келин арканды, шыпыргыны, ала жипти аттабаган, ийик ийирбеген.
Эки кат жаш жубайдын күйөөсү эт жеп жатып колуна тийген чүкөнү мизилдете кырып, тазалаганга аракет кылган, анткени чүкө жакшы тазаланса кызы сулуу төрөлөт деген ишеним жашайт.
Аялынын боюнда бар кезинде күйөөсү эт жеп жатып, кокусунан томукка тиш тийгизип алса, баласы таз болуп калат деген.
Эркек адамга жийденин гүлүн жыттоого тыюу салуу кездешет, муну балалуу болбой калуу коркунучу менен түшүндүрүшөт. Сыягы, аны жыттаган адамдын баланын эмес, жийденин жытына мээри төгүлүп калат деген ишенимден келип чыккандай.
Жарык дүйнөгө келе элек наристеге арнап кийим алынбайт, ат издеп койбойт. Анткени төрөлө элек бала адамдын колуна өткөнгө чейин кудайдын баласы деп эсептелген.
Кыз төрөчү келин кош бойлуу кезинде эт байлап, семирип калат, боюнда уул болсо, арыктап кетет дешет.
Келиндин толгоосу. Келиндин толгоосу башталганда көп бала төрөп өстүргөн байбичелер, тажрыйбалуу аялдар, аначы деп аталган эмчилер чакыртылып, алар төрөттү кабыл алышкан. Толгоо башталганда: «Эл көчүп жатат, сен да эрте көч» – деп, кайненеси нан жапкан жеңче менен келинин үч жолу башына жеңил уруп койгон. Андан соң аны төшөккө жаткызып, эки аял төшөктүн эки жагынан кармап, үч жолу: «Оң, оң, оң бол» – деп ары-бери тоголотот. Бул көлбүтүү деп аталып, ичти оңдоо, баланын туура келишин камсыздоо максатында иштелет. Толгоо мезгилинде үйдөгү түйүлгөн түйүнчөктөрдү чечип коюу ырымы бар, себеби толгоо да ошондой түйүлүп, аял кыйналат экен. Толгоо башталганда шам жагышат, жеңил болсун үчүн келин жаткан төшөктүн үстүнө ун чачып коюшат, ал төшөк төрөгөнгө чейин жыйылбайт. Төрөтү жеңил болот деп келинге жыландын терисин тамакка кошуп же чайга салып демдеп беришет. Үйдө аял толготуп жаткан учурда кошуна-колоңдор буюм сурап келип калса берген эмес. Элдик ишеним боюнча келиндин кош бойлуу убагындагы айрым шарттар кийин аны төрөтүнө таасирин тийгизет экен. Мисалы: кош бойлуу адам отурган жерде башка бирөөнүн төрөгөнү сүйүнчүлөнүп калганда, жүктүү келин ордунан шарт тура калса, кийин төрөтү жеңил болот дейт. Ошондой эле иттин тууганын көргөн аялдын төрөтү жеңил болот дешет. Аны көрүү да кыйын, себеби ит көрсөтпөй тууйт. Аялдарга карай «иттин толгоосун берсин» деп айтылчу сөздүн мааниси ушул себепке байланыштуу. Иттин тууганын көргөн аялдар иттей оңой төрөйт экен. Ит өзү да 6–7 күчүктү оңой эле тууйт.
Аял толготкондо. Толгоону жалгыз эле келин эмес, күйөөсүнүн кошо тартышы жөнүндөгү ишенимдер кызыгууну туудурат. Аялы талгак болгон нерсени биринчи күйөөсү жесе, толгоо ага биринчи келет деген сөз бар. Келин толготуп жатканда күйөөсү бир жакка кетчү болсо, анын бир буюмун (маки, жүз аарчы ж.б.) сурап алып калышкан. Антпесе толгоо күйөөсү менен кошо кетип калып, келин кыйнала берет экен. Дагы бир маалымат боюнча, андай учурда тескерисинче күйөөсү толгоонун азабын тартат. Толгоо тарткан келин күйөөсүнө байкатпай анын бутунан үч ирет аттап өтүп койсо, толгоо күйөөсүнө өтүп кетет деген ишеним кеңири таралган. Кош бойлуу аял толготуп жаткан үйдүн оң жагына мылтык илип коюшкан же андан тарсылдатып асманга ок чыгарышкан. Толгоо тартканга келген жин-шайтан мылтыктан жазганат дешет. Муну ок атуучу куралдын күчүнө болгон ишеним деп түшүнүү керек. Эгер аял толгоо мезгилинде кыйнала баштаса, бала энчи сурап жатат деп, тоок же майда жандык алып келип, келиндин башынан үч айлантып шыйрагын карматып, анан сыртка алып чыгып мууздап, этин бышырып беришкен. Ишеним боюнча бөрүнүн карыны ыйык деп эсептелген. Аны аябай тазалап жууп, кургатып коюшкан. Эгер аял төрөй албай кыйналса, бөрүнүн карынын сууга салып жибитип, толготуп жаткан аялдын башына кийгизген. Бул албарстыны качыруу эле.
Бала төрөлгөндө. Жарык дүйнөгө келген бала: «Жети энем бар» – деп жерге түшөт экен. Өз энеси (апасы), чоң энеси, таэнеси, аяш энеси, кайненеси, өкүл энеси, киндик энеси.
Бабаларыбыз адам төрөлгөндө асманда анын жылдызы кошо төрөлөт деп ишенишкен.
Төшөк салуу. Жаңы баш кошкон жаштарга төшөк салганда аны бала-чакалуу, балдарын чоңойткон, нарктуу аялга салдырышкан жана ал аял төшөккө жатып, оонап да койгон. Бул ырымдын мааниси жаңы келген келин дал ошол аялдай көп балалуу болсун, ынтымактуу жашасын деген тилекке барып такалат. Тескерисинче, төрөбөгөн же төрөгөн балдары токтобогон, үй турмушу анча тынч эмес аялдарга жаш жубайлардын төшөгүн салдырбаган. Ал төшөккө «ушундай бала оонасын» деп ырымдап, жаш бөбөктү да оонаткан.
Төрөбөгөн аялдар. Туубастыктан дарылануунун эң көп колдонулган жолдорунун бири «көчөт көчүртүү». Көптөн бери төрөбөгөн аял ал үчүн жасалган жети куурчакты жети үйдөн чогулткан. Ал бул куурчактарды жоолукка ороп, аны колтугуна кысып, бүбү кемпирди чакырган.
Мууздалган койдун терисин туюк сыйрып алып, ачык мойнун жана бучкактарын тигип салганда чанач болуп калган. Этти бышырып, бардык сөөктөрдөн этин ажыратып алып, сөөктөрүн чаначка салышкан. Аны куурчактар менен кошо аял менен бүбү-кемпир жолдун кайчылашына алып барып, ал жерге чаначты калтырып, куурчактардын баарын чачышып, артын карабастан үйлөрүнө кайтышкан. Мында «балакет-салакет ушуну менен кетсин» деп айтышкан.
Кошумчалай кетчү нерсе, келин касиеттүү, ыйык деп эсептелген жерге зыярат кылган соң, боюна бүтүп төрөсө, кийин баланын карын чачы алынган убакта төбөсүнө бир тутам чач калтырылып коюлган да, кийин аны ошол ыйык жерге барып алдырып келишкен. Балдардын андай чачтарын алдырганда төрөбөс аялдар перзент көрөйүн деп чачты ырымдап сатып алышкан.
Келин төрөбөстүк дартынан айыгыш үчүн таш баканын жумурткасын жеген. Төрөбөгөн келин көп балалуу аялга атайын тамак (боорсок, чүчпара, манты ж.б.) жасап барып: «Муну оозуңузга салып, кайра кайтарып бериңиз» – деп суранган. Эгер бала-чакалуу аял ошентип кайтарып берип, аны төрөбөс келин жеп алса, ал да төрөйт деген ишеним болгон. Бирок мындай ырым аткарылган соң көп балалуу аялдын кийинки төрөгөн балдары токтобой калат дешип, төрөбөс келиндин өтүнүчүн аткарууга бардык эле аялдар макул боло берген эмес.
Катары менен боюнан түшкөн келинди ырымдатып көп күчүк тууган канчыктын үстүнөн үч жолу ары-бери аттатышкан. Бул, биринчиден, аялдын дарты итке өтүп кетсин үчүн жасалган.
Айрым жылдары алмалар күзүндө экинчи ирет гүлдөп, кеч күзгө дейре ал тургай мөмө байлап да калат. Элде аны алма кенжеледи деп, түйгөн мөмөнү кенже алма дешет. Ара төрөгөн келинге ошондой мөмөнү да жедиришкен.
Кыз төрөлсө. Жалаң кыз төрөгөн аялдар көз жарганда киндикти кесип, баланын тонундагы киндиктин жарымын оң чыйратып тонуна бурап туруп эркекке бурул деп жерге көмүп коюшкан. Түшкөн тонду оодарып койсо, кийинкисинде уул төрөйт деген ишеним да элдин баланын киндигин, тонун өзгөчө касиеттерге ээ кылганын көрсөтүп турат. Катар-катар кыздар төрөлгөндө, алардын бирине (көбүнчө акыркысына) мындан кийин уул төрөлсүн деген максатта ырымдап Жаңыл, Болдукыз, Бурул, Бурулсун, Кубул, Уулкан жана башка сыяктуу атайын ат коюлган. Уул төрөбөй жүргөн аялдын этегине кол аарчышкан. Жалаң кыз төрөгөндөр көп уулдуу аялдын үйүнөн эркек балдардын биринин баш кийимин уурдап алып кеткен. Кыздуу болбош үчүн казанды жууганда анын кулагын жуубай калтырышкан. Көптөгөн аракеттерден кийин уулдуу болгон адам элге жашырып «кыз» деп угузуп, үчкө же жетиге чыкканга чейин кыздын кийимин кийгизип, ыйык жерлерге барып чачын алдырган. Ошондой эле эркек балдары токтобогон үй-бүлөдө төрөлгөн баланын бутуна билерик кийгизишип, бир кулагына сөйкө салышып, көкүлүн өрүшүп, сүннөткө отургузганга чейин аны кыздай кийинтишкен. Бул ырым да балага келген ажалды алдоо, адаштыруу максатында иштелген.
Балага төлгө. Кой жаңы союлганда ичеги-карын жууган келиндер ыйлаакчаны алып, ал жарылып кетсе кыз деп, жарылбаса уул деп болжошкон. Же болбосо казанга ун салып, майга салынган пахтаны ундун үстүнө салып күйгүзүшөт. Майга чыланган пахта жашыл жалын чыгарып күйсө уул деп, кызыл күйсө кыз деп ишенишкен. Дагы бир төлгө боюнча кош бойлуунун артынан байкатпай келип, башына туз себелеген. Эгер келин мурдун аарчыса уул, маңдайын сыласа кыз төрөйт деп коюшат.
Баланы сатып алуу. Үй-бүлөдө балдар токтобогон учурда жаңыдан төрөлгөн баланы чоочун аялга эмизүүгө берүү ырымы өзгөчө орунду ээлеген. Бул балдары чарчай берген аялдын сүтү уу (заар) болот деген ишенимден келип чыккан, андыктан төрөлгөн бөбөктү эмизүүгө энесине бербей, башка аялга эмизишкен. Белгилүү убакыт өткөндөн кийин баланы кайра алышып, бул «сатып алуу» катары ырымдалган. Кээде бөбөктү чоочун үй-бүлөгө үч, жети же кырк күнгө беришип, айрым учурларда ал түгүл энесине көрсөтүшкөн эмес. Баланы «сатып алууда» аны эмизген аялга акы катары баланын жынысына жараша тогуз буюм беришкен. Андай балага адатта Тогузак же Сатылган, Сатыбалды, Саткын деген аттар коюлган.
Баланы негизинен туугандарына же көп балалуу болуп, баарын тең аман-эсен чоңойткон адамдарга беришкен. Жакын туугандары ал тургай өздөрү келишип, ымыркайды төрөлөрү менен ала качып кетишкен. Алып кеткенге чейин баланын үстүнө кара казанды көмкөрүп койгон. Үч күндөн кийин энеси баккан адамдын үйүнө барып, уулунун өңүн өзүнүн көзү тийип кетпесин үчүн элек аркылуу көрүп, акысын төлөп, кайра сатып алган.
Балдар токтобогондо. Балдары удаа-удаа чарчап, токтобогондо күйөөсү аялы экөө тең жаман, эски кийим кийип эл аралап кайыр сураса, балдары туруп калат деген ишеним бар. Баланын энеси жети күн кайыр сурагандан кийин гана барып, баласын сатып алган. Дагы бир ырымы – балдары чарчай берген эне төрөгөн соң жети үйдөн эч сөз айтпай туруп ун сурап келип, андан май токоч бышырып берген. Ун сураган аял көрүнбөй, далдоодо туруп сурайт, идиши көрүнгөн. Ага ун бергендер да суратпай, өздөрү билип берүүгө тийиш болгон. Балдары токтосун үчүн энеси айылдагы үйлөрдү кыдырып, ар кимден кыйкым сурап келип, аларды кураштырып көйнөк тигип кийгизген. Кийин баласы чоңоюп, жети жашка чыкканга чейин деле кийим алып бербей, көп балалуу үй-бүлөнүн балдарынын эски кийимдерин уулуна сурап алып берип, атын өзгөртүп чакырган.
Ата-эненин асынган куржуну кийин баласына өткөн, кандайдыр бир мезгилден кийин тилеги аткарылса, ал балага чач коюлуп, ошол чачын алдырганга чейин наристеге кырк жамаачылуу тон кийгизип, тондун сол желкесине кошумча эки кичинекей куржун тигип, ал куржунчаларга түрдүү таттууларды (кант, өрүк ж.б.) салып, өзү теңдүү балдарга тараткан.
Балдары турбаган аялды эшектин терисинин үстүнө да төрөткөн.
Ит көйнөк. Итти да адамды ар кандай жамандыктан коргоочу касиетке ээ деп ишенгендиктен, анын жүнү менен тиштерин тумар катары, айрыкча балдар үчүн пайдаланышкан. Балдары турбай, чарчай берген ата-энелер жаңы төрөлгөн баласынын кулагын көзөп иттин жүнүнөн өткөрүп коюшкан. Сары иттин жүнү өзгөчө күчкө ээ делген. Иттин тиштерин да бөбөктүн кийим-кечесине тигип коюшкан. Ымыркайга биринчи жолу кийгизерден мурун (эгерде ага чейин төрөлгөндөр чарчап калышса) алгач иттин башына салып кийгизишкен. Бул көйнөк ит көйнөк деп аталган. Узак жашап, көптөгөн небере-чебере көргөн байбиче өлүм алдында ошондой ит көйнөктү көкүрөгүнө коюп жатып үзүлсө, аркы дүйнөдө сурак бербейт деген ишеним бар. Балдары токтобогон аялдар төрөр менен ууз сүтүн күчүккө эмизип, бала менен күчүк эмчектеш болуп калган.
«Карышкыр жутту!» Эгер балдар токтобой чарчай берсе, акыркы төрөлгөн баланы көзү ачыла элек бөлтүрүк менен кошо үч, беш, жети күн эмизишкен. Анан бөлтүрүктү таап алган болсо, ошол жерге коё берген, сурап алган болсо ээсине кайтарган. Карышкырдын оозу менен сыйрылган терисин сууга салып жибитип, керип чоюп, андан жаңы төрөлгөн бөбөктү өткөрүшкөн. Өткөн мезгилдерде бул балдары турбаган ата-энелер аткарчу кеңири тараган ырымдардын бири болгон. Аны жасап жатканда: «Карышкыр жутту!» – деп кайталап айтып турушкан. Балдардын кийимине көз тийүүдөн жана жин-шайтандардан сактоочу тумар катары бөрүнүн тишин тигип койгон. Балдардын бешигине карышкырдын ашыгын тагышкан. Боюнан көп түшкөн аялдар кийимине карышкырдын тишин же жүнү бар терисинин үзүгүн тигип алышкан.
«Акыйка той». Балдары токтобой жүргөн келин төрөп, наристенин туруп калышына ишеним пайда болгондо кудайы өткөрүшкөн. Түлөөгө эчки гана союлат, анткени анын үнү кудайга жетет экен деген ишеним түрткү болгон. Эчкинин этин сөөгүнөн ажырап калганга чейин кайнатып, анан айыл аксакалдарын чакырып даам таттырган. Муну акыйка той деп койгон. Келгендер этти сөөккө тиш же бычак тийгизбей жешке милдеттүү болушкан. Эт желип бүткөн соң үй ээлерине, бөбөккө бата беришкен. Эчкинин сөөгүн үйгө калтырбай ак кездемеге ороп, же сууга ыргыткан, же атайын казылган жайга (мөмөлүү дарактын түбүнө да) аксакалдар алып барып коюшкан.
Балдары турбаган адам бешикти мүрзөгө алып барып, таштап койгон ырым да бар. Эгер ал бешикти бала көрбөй жүргөн адам көрүстөндөн таап алып, үйүнө алып кетсе, ал балалуу болот дешет.
Тун баладан кийин. Үй-бүлөдө бала төрөлүп, чоңоюп, бирок анын артынан туулгандар чарчап кала беришсе, тун бала күнөөлүү катары саналган. Анда атайын чакырылган бүбү кемпир же баланын өзүнүн эле энеси баланы желкесинен кармап, табакка атайын салынган же капта турган унга башын тийгизип туруп: «Унду жейсиңби же удааңды жейсиңби?» – деп сурашкан. Эгер «унду жейм» деп жооп берсе, кийинки төрөлгөндөр токтойт дешкен. Сөзүнүн маанисине түшүнбөй эле «удаамды жейм» деп тескери жооп берсе, кырсык улана берет деген ишеним күчтүү болгон. Артындагылар токтобогон бала бөбөктүү болуп, аны улуусуна көрсөткөндө, ымыркайдын бетине элек коюп коюшкан. Агасы бир тууганын элек аркылуу гана көргөн. Антпесе жаш баланын көзү курчтук кылып, иниси дагы чарчап калат дешкен. Бала жаңы төрөлгөндөн кийин, аны көргөнү келген туугандарына же бир туугандарына адегенде ымыркайдын бетин көргөзбөстөн, чүргөөсүн ачып, бутун көрсөткөн. Антсе ошол бала бир туугандарына күйүмдүү болот экен деген.
Баланы көрүү үчүн келгендер сөзсүз түрдө көрүндүгүн берип көрүшкөн. Көрүндүксүз көрсө бөбөк кийин өңү серт, көрүмсүз болуп калат деген ишеним белгилүү. Ошол себептүү кокустан жолугуп, жанында көрүндүккө берерге эч нерсеси жок болуп калгандар: «Көркү жок болуп эле аман-эсен эл ичинде чоңоюп жүрө берсин» – деп, баланын мурдунан чымчып өөп коюшат.
Кыркын чыгаруу. Бала төрөлгөндөн кийинки 40 күн наристенин өмүрү үчүн өзгөчө кооптуу деп саналган, андыктан бул мезгил өткөндөн кийин ымыркайдын кыркын чыгарууга айрыкча маани берилген. Кыргыздарда ал күнү кырк токоч жасап, коңшу-колоңдорго чай берилген. Байбичелер жакшы тилектерин айтып, дагырага кырк кашык суу куюшуп, баланы ошол сууга киринтишкен. Мал-жандуу болсун, дөөлөттүү болсун деп ырымдап, сууга койдун кырк корголун да салып коёт. Баланы төрөлгөндөн көп өтпөй, кыркына чейин эле киринтишет. Сууга киринткен сайын бат торолот деп негизинен баланы тез-тез жуунтуп турушкан, эти бышык, денеси чымыр болсун үчүн сууга туз салып жуунтушкан.
Баласынын кыркын чыгарганга чейин аял колун муздак сууга салбаган, таштан, темирден жасалган муздак буюмдарга колун тийгизбеген. Бул жаңы төрөлгөн бала таш боор, мээримсиз болуп калбоосу үчүн аткарылган. Баланын атын кыркы чыкканга чейин айтпай, ар кандай эркелеткен аты же жаныбарлардын балдарынын аты (күчүк, козу ж.б.) менен чакырган. Бул мезгилдин ичинде үйдөн кимдир бирөө буюм сурап келсе берген эмес. Тескерисинче, баланын энеси өзү коңшу үйлөрдү кыдырып чүпүрөк сурап, кырк түрдүү чүпүрөктөн курап көйнөк тиккен. Кырк курактан куракчылык өнөрү келип чыккан деген кеп бар. Бөбөктүн кыркын чыгарган күнү төрөлгөндөн кийин балага кийгизилген «ит көйнөктү» чечип салышып, ага башка көйнөктү – «кырк көйнөктү» кийгизишкен. Аны кийгизээрден мурун ичине кырк боорсок салып көйнөктүн жеңдерин бууп, эки байбиче эки жагынан кармап, түрдүү жакшы тилектерди айтып чайпашып, анан гана баланын башына салышкан.
Чач алуу. Бөбөктүн кыркын чыгарган күнү анын карын чачын да алышкан. Ымыркайга кирген кирине карын чач алынмайынча чыкпайт деп айтышат. Баланын чачы адамдын буту баспай турган, жашыруун жайга коюлат. Баланын карын чачын апасынын төркүндөрү алып, (таятасы, тагасы) мал энчилеген. Кыргыздар баланын төбөсүнө коюлган чачты «көкүл» деп аташкан, аны мурун «айдар» деп айтышкан. Ал эми ичкилик урууларында бул чач «нияз» деп аталат.
Чачты кастарлоо. Балдары токтобогон аялдар кош бойлуу кезинде касиеттүү, ыйык жерге зыярат кылган болсо, төрөгөн соң баласына коюлган көкүлдү аталган ыйык жерге барып алдырып келишкен. Чачты убагында алдырбаса, бала ооруп, чыргоолоно берет деген ишеним бар. Андай чачты төрөбөгөн аялдар бала көрөйүн деп ырымдап сатып алышкан.
Чачты бийик жерге кыстарып коюу менен анын ээсинин ыкыбалы, кадыр-баркы бийик болсун деген ниет билдирилет. Ал эми чачты мөмөлүү дарактын түбүнө көмүү менен тукуму мөмөлөп көбөйсүн деген ырым жасалган. Жаш баланын биринчи чачын кадыр-барктуу, сыпайы мүнөздүү адамдардын бирине атап койдук деп, ошол адамдын өзүнө барып да алдырышкан. Шарт боюнча эркек адамдын чачын аялга алдырышпайт, эркек кайратсыз болуп калат деген ишеним сакталган. Эгерде бөбөккө чоңойгончо чач чыкпаса, ырым боюнча анын баш кийимин эшекке жыттатып коюшкан.
Чач менен сыйкырлоону кыргыздар «ысытма» жана «суутма» деп аташат. Ошондуктан кыздарды секелек кезинен тартып башын жууганда же тараганда түшкөн бир тал чачына чейин жыйнап алып, жашырып коюуга тарбиялашкан.
Чачын өстүрүү үчүн кыздар камыштын тамырын сууга чылап коюп, кырк күн таң азандан туруп, күн чыга электе башын ошол суу менен жууса, чачы камыштай тез өсөт дешкен. Дагы бир ишеним боюнча асмандагы асан-үсөндү (жез кемпирдин желеси, орусчасы – радуга) көргөндө кыздар чачынын учун кайчы менен кыркып тегиздесе, чачы тез өсөт экен.
Көз мончок. Боолоруна ак нерсе житирип койгон, чоңдугу койдун корголундай болгон көгүлтүр мончок. Муну энеси жаш баланы төшүнө тагып коёт.
Кыргыздын ишениминде жаш баланы бирөө суктана караса, анын көзү тийип, ооруп калат имиш. Ошол мончоктогу житирилген ак тактын бири ыргып кетип, балага зыян болбойт делинген.
Жаш баланын мойнунун катышы. Ал үчүн кой союлганда, анын этинен тырмактай кичине кырк кесим эт алып, аларды жипке тизип, жаш бала жаткан үйгө илип койгон. Эт кургап, катып калганда бөбөктүн да моюну катат деген ишеним бар. Бул ырымдын дагы бир түрү боюнча жети тооктун мойнун тизип байлап, очоктун морунун ичине илип койгон. Көпчүлүк учурларда койдун моюн этин баланын энесине бышырып беришет. Ал этти таза мүлжүп жеп, моюн сөөктү наристенин жаткан бешигине илип койгон.
Бала кусса. Эгер бөбөк куса берсе, анын кийимин жууганда көйнөгүнүн жакасын төмөн каратып илип жайышкан. Ал эми бала куспай, бирок шилекейи тынбай акканда анын таманын байпагы же чулгоосу менен аарчып коюу өтө ишенимдүү чара болгон.
Барпы. Аталган оорунун белгиси катары баш сөөктүн формасынын бузулуп, жик кеткендиги каралат. Бул учурда анын теңдештирүүнү туураган ырымдар аткарылат. Алсак, тандырга нан жаап, бирөө баланын башына коюп, бычак менен ортосун кесип алып, тегерегин баланын башына кийгизип ырымдайт. Же жүгөрүнүн дүмбүлүн башка коюп, аны теше менен чаап теңдейт. Мөмөлүү дарактардын (өрүктүн, алманын) бутактарынын кайчылашкан жеринен, ачасынан өткөрөт. Дагы бир түрү боюнча камырга көк мончокту кошо жууруп, анан ал камырдан алкак жасап, ортосунан баланы өткөрөт. Кемеге түшкөн адамды таап, ага жолду тууралатып, чачты кырктырып коюу саналат. Чачтагы мындай из адатта арт жактан баштап түшөт да, маңдай тарапка жылып жөнөйт. Аны кулактын тушунан өткөрбөй алдын алуу сунуш кылынат, бул чектен өтүп кетсе баланын көзү кылый (кыйшык) болуп калат деген коркунучка негизделген ишеним жашайт. Барпы болгондун башына таш баканын жумурткасын жарып сыйпаган, ошондой эле жети үйдөн ар түрдүү кездеме сурап чыгып, алардан курап нокто жасаган да, баланын башын каткан. Чачка жол түшүп калганда эки жолдун кесилишине алып барып, жолго оонатып да койгон.
Бөбөк тили. Элдик ишеним боюнча, эмгек бөбөктүн тили чыгып, «таш» деген сөздү айткандан кийин гана катыйт.
Эркек балага тыюулар. Бейшемби күнү жаш баланы эркелеткенге тыюу салынган. Үй-бүлө бул күнү жыт чыгарып, арбактарга арнап куран окуган. Жаш баланы таманынан өппөйт. Жаш баланы мойнунан өөп-жыттап эркелетпейт. Кой союлганда балага көк боорун (ичкиликтерде ал көк тал делет) жедирсе, көгөрүп тил албай калат, кыздар жесе, көк бет болуп калат деп бербейт. Сөөктүн чучугун балага бербеген, аны жеп өссө, ата-энесинин сөөгүнө жеткен сөз айтат деген ишеним бар. Чучук жесе бала ата-энесин жеп алып, жетим калат деп да айтылат. Жаш бала койдун мээсин жесе мурду агып, маңка болуп калат деп коёт.
Тамакка байланыштуу тыюулар.
Нанды бир кол менен сындырбайт.
Жалаң эркектер отурса, нанды кичүүсү сындырат.
Нанды бычак менен кеспейт, кол менен тең бөлүп сындырат.
Нанды эки бетинен сыйрып жебейт.
Тамакты дасторкон үстүндө жеш милдет.
Бала ысык чай ичип жатып, анын суушун күтпөй муздак суу кошуп ичсе өтүмсүз болуп калат.
Бала казандын түбүндөгү кырмычыкты жебейт.
Тамактан кийин бала дасторконго кол оозун аарчыбайт.
Тамак жеп жатып дасторкон четине жата калбайт.
Кийим-кечеге байланыштуу. Балага көйнөк тигип кийгизгенде анын этегин бүкпөйт.
Жаш бала желбегей жамынбайт.
Кийимди тескери кийбейт.
Түнү жатканда шымды башка жаздабайт.
Кийим кийгендеги тилек. Балага жаңы көйнөк кийгизгенде, «баланын көйнөгү чирик, өмүрү тирик болсун» же «кийимиң күзгө жетсин, өзүң жүзгө жет», же «кийгениң морт болсун, өзүңдүн жаның бек болсун» деген тилек айтып, бетинен өөп кийгизет.
БАЛАГА ЫРЫМ-ЖЫРЫМ
Итий болгондо. Итий болгондун таңдайына (итий болгондо таңдай чукурайып калат дешет) карышкырдын өтүн сыйпайт. Итийден дарылоонун мындай ыкмасы да колдонулган: өлгөн итти таап, оорулуу баланы жоолукка ороп, аны өлгөн иттин үстүнө мингизишкен. Андан кийин анын кийимин бүт чечип алышып, жоолук менен кошо ыргытып жиберишкен. Жылаңач баланы койнуна катып, аял үйүн көздөй чуркап барып, ал жерде ага жаңы кийим кийгизген. Баланын бетине учтары исиркектеген майда кызыл жараттар чыгып айыкпаса, каймак сүртүп, таза күчүккө жалаткан.
Булакка сыйынуу. Баланын кулагынан сары суу агып калышын, анын билбей туруп булакты булгап алып, булак ээсинин дарт жөнөтүшү катары карашкан. Булактын ээсинин ыраазылыгын алуу үчүн баланын апасы түрдүү тамак, сөзсүз түрдө жети токоч жасап, баласын, аялдарды ээрчитип, жакын жердеги булакка барган. Дасторкон салып, ортосуна жети токочту коюп, ар бирине шам сайып күйгүзүшкөн. Анан аялдар тамак жеп бүтүп, баланын энеси аны булакка алып барып, ооруган кулагын үч ирет суу менен жууган да, булакка майда-чүйдө нерсе (көбүнчө мончок) таштап, үч ирет: «Булагыңды алып, кулагымды бер!» – деп кайталаган. Мындан соң дасторконду жыйнап, бул жерден туруп кетүүлөрү тийиш болгон. Кетип жатып артына кылчайбоолору, айрыкча эне-балага, милдеттүү шарт катары аткарылган. Аны аткарбаса, булактын ээси кайрадан оору жөнөтөт деп ишенишкен. Балдардын кулак оорусунун булак аталышы ушул себепке байланыштуу. Булак болуп калгандагы дагы бир ырым боюнча жаңы союлган койдун бөйрөгүнө кыска кырк шиш сайып, аны боз үйдүн желбоосуна байлап коюшкан. Бөйрөк кургап, катып калганда, кулактан аккан ириң да токтойт деп ишенишкен. Ал эми чоңдорго баласынын кулагынан ириң агып калуу коркунучу менен түпкүчтү тебүүгө тыюу салынган.
Кызамык чыкканда. Балага кызамык чыкканда терезеге кызыл парда тартып койгон. Андай үйдө бала айыкмайынча кир жууган эмес, үйгө чийки эт да алып киришкен эмес. «Кызамык чыкты» деп угуза айтпай, «чыгуу чыкты», «гүл чыкты» деп тергеп айтат. Денеге тегиз чыксын үчүн оорулууга бозо ичирет, кийинки мезгилдерде кызыл вино да колдонула баштаган. Эгерде кызамык адамга тирүүсүндө чыкпаса, өлгөндөн соң сөөккө да болсо чыгат экен деген ишеним бар.
Апаптоо. Баланын жүрөгү түшкөндө башындагы эмгеги бөксөрө түшөт. Ошондо кол менен жүрөгүн көтөрөт да, оозун ачтырып, сөөмөйдү салып апаптап, далысын каккылайт. Кичине күмүш балка менен ар бир мүчөсүнө тийгизип: «Менин колум эмес, Умай эненин колу» – деп үч маал ушинтет. Ошондон соң баланын ден соолугу калыбына келет. Андан соң суу ичирип коюшат. Жаш бала бир нерседен катуу чочуп калганда, жаңы союлган малдын ысык канына (жинине) да отургузат. Мындан башка дагы бир ырымы боюнча жүрөгү түшкөн баланын эки бутун бириктире кармап, эшиктин кашегинин тушуна алып келет да, тамандарын үстү жагына, башын ылдый каратып босогого тийгизе: «Токто, жүрөк, токто, эми-дому ушул» – деп кайталайт. Жүрөгү түшкөн балага коргошундан жүрөк мончок куят, аны куюп жатканда жүрөгү түшкөн адам оозун ачып туруусу керек. Таш баканын ташын (калканын) жүрөгү түшкөн адам идиш ордуна пайдаланып, аны менен беш жолу суу куюп жуунса дары болот деген ишеним бар.
Калы, меңи бар болсо. Төрөлгөндө эле жүзүндө же адамдын көрүнөө жеринде калы, меңи бар болсо, ысымы ошого байланыштуу коюлат. Калдын денеге жайылган кызыл так сыяктуу түрү жолугат. Ошого жараша да ат коюлган. Өзү карап көрө албаган жеринде калы бар адам бактылуу болот деген.
Сөөл болсо. Сөөл же жакшылыкка, же жамандыкка чыгат деп айтылат. Чыккандан соң тымызын байкап көрүп, жакшылыкка чыкса (турмушунда жакшы иштер болсо) тийбейт. Бирок сөөл кал сыяктуу жарашык бербей, дененин көркүн бузуп тургандыктан, аны көбүнчө жоготууга аракет жасалат. Колго чыккан сөөлдү Айды карап туруп жаңы шыпыргы менен шыпырат. Мал сойгондо анын этинен бир кесим алып, сөөлгө сыйпап туруп караңгы жерге коюп коёт. Эт кургаганда сөөл да куурап түшөт делет. Курмандыкка союлган малдын бөйрөгүн пайдаланса, таасири күчтүү болот деп айтылат. Кээде эттин ордуна быша элек чийки алманы алып, экиге бөлүп, анын ширесин сөөлгө сыйпап, жерге көмөт. Көмүлгөн алма чиригенде сөөл да чирип, күбүлүп түшүп калат деген ишенимдер бар.
Эки уюл болсо. Баланын башында эки уюл болсо элдик ишеним мындай белгини жакшылыкка жоруган эмес. Кош уюлдуу бала (ичкиликтерде уюл орой деп аталат) эр жеткенде эки аял алат, кыз болсо эки ирет күйөөгө тиет деген көз караш кеңири таралган. Мындан улам аны алдын ала болтурбай коюуга аракеттер жасалган. Уул бала эки уюлдуу болуп калса кошунасына калбыр, кызда болсо элек алып берген ырымы бар. Кээде аларды жети үйгө алып беришкен. Ошол эле ырымдын бир аз башкача түрү: балага калбырды, кыз балага электи карматып, эки айрылыш жолго отургузуп койгон да, жолдон өткөндөр алардын колунан аталган буюмдарды алып кеткен. Эки уюлдуу кызды күйөөгө бергенде, себине электи кошуп койгон. Белгиси бар балдарды жайлоодон эл кайтканда журтка таштап да коюшчу экен. Кыйла алыс, бир бел ашып кеткен соң кайрылып келип, баланы алып кетишкен. Ошондо бир уюлу жоголуп кетет дешкен.
Тиш чыкканда. Бөбөк алгач тиш жарганда, анын жаңы чыккан тишин көрүп ата-энеси: «Ий, тиши чыгып калыптыр» – деп угуза айтпайт, антсе бала чыргоолоно берет экен. Ансыз наристе үчүн тиштин чыгышын да олуттуу санашкандыктан, аны атоого тыюу салынып: «Күрүч чыгыптыр» – деп тергеп аташкан.
Сүт тиши түшкөндө. Баланын сүт тиши түшкөндө:
Сүт тишимди ал, Азуу тишиң мага бер.
Жаман тишим сен ал,
Жакшы тишиң мага бер – деп, нанга ороп итке берген. Бекемдигине суктанган менен, иттин тишинин арсайып турганын байкап, нанды таштап жатып: «Теше тишиң өзүң ал, күрүч тишиң мага бер» же «Күрүч тишиң мага, балта тишиң сага» – деп айтат. Түбү бекем тиш чыксын деп, сүт тишти камыштын арасына да ыргытышкан. Ал эми тегиз чыгышы камсыз болсун үчүн түшкөн тиштер боз үйдөгү чийдин арасына кыстарылган.
Кирине киргенде. Кээде бала эч жери оорубай туруп эле ыйлап, өзүн жаман сезип, тынчы кете берсе, «кирине кириптир» деп билишкен. Баланын эсиней бериши кириненин негизги белгиси болот. Кирине киргенде ошол киринеси кирген адамды чакырып келип киринелетет. Же киринеси кирген адамдын кийиминен үзүндү, болбосо батегин алып келип ысырыктайт. Ал адамды баланы жакшы көрүп, мактап, көбүрөөк эркелетип койгондугунан болжоп билишкен. Баланы апасы же эмчи-домчу байбиче киринелеген. Киринени ак көңүл, таарынычы тез жазылган адам жойсо тез чыгат деп айтылат. Киринелөөчү адам колуна нан (кагаз, бычак) алып, аны баланын башынан төмөн карай денесине тийгизе сылагылап:
Чык кирине, чык кирине,
Агыны катуу сууга бар,
Аскасы бийик тоого бар,
Көңүлү жаманга бар, Ою арамга бар,
Чык кирине, чык, чык.
Чык кирине, чык кирине, Эски чалдыбарга бар.
Ээн калган үйгө бар, Менин баламда эмнең бар, Чык кирине, чык, чык.
Эшикте жаткан итке бар, Карыны чоң байга бар.
Эл карабас жайга бар.
Менин баламда эмнең бар.
Чык кирине, чык, чык, –
деп кайталап, киринелеп бүткөндө «түү, түү» деп түкүрүп, ордунан тез туруп кетүүгө тийиш болгон. Бөбөктү киринелеген нанды итке сук-суктап салып берет. Нанды итке ыргыткан соң, артын карабай үйгө кирүү керек, антпесе кирине артынан ээрчип, кошо кирет деп коюшат. Эгер кагаз менен киринелеген болсо, аны өрттөп жиберет. Баланы кыркы чыкканга чейин киринелебейт деген тыюу бар. Киринелеген адамдын акысын сөзсүз берип коюу керек.
Көк жөтөлгө. Көк жөтөл болгон балага тоодон бооз кийикти атып келип, ичиндеги улагынын өтүн ичирген. Ушул эле дарт үчүн көк эшектин сүтү да дары эсептелет. Эл ичинде көк карганын канатын жылуу сууга чайкап ичирүү ыкмасы кеңири тараган. Бала ыкшып жөтөлүп, кыйнала берсе «Кочкорбай» деп чакырса калат деген ишеним да жашайт.
Талма. Талмасы бар балага бүркүттүн өтү дары болот дешкен.
БАЛА ТӨРӨГӨН ЭНЕГЕ КАРАТА ЫРЫМ-ЖЫРЫМ
Эмчектеги баласы бар келиндин кайната-кайненеси, күйөөсү той-ашка кетип, келин үйдө калса, ошол той же аш берген адам анын шыбагасын сөзсүз берип жиберген. Бул жаш балалуу аял тойдогу тамак-аштан үмүт этип, бирок ооз тийбей калса, эмчеги шишийт деген ишенимден улам жасалган. Келин тамак жасалып жаткан үйгө кире калып, тамактын бышышын күтпөй кетип калса да, артынан берип жиберишкен. Умсунгандан эмчек шишийт деп жаш наристелүү аялга жеген тамактан сөзсүз калтырышкан же алып келип ооз тийгизишкен. Эмчектеги баланы аял жылаңбаш эмизбеген, ар дайым жоолук салынып, жүзүн буруп, көкүрөгүн көрсөтпөйт, анткени балага шайтан какач чачып жибериши мүмкүн деп айтылат.
Албарсты. Аялдарды төрөт мезгилинде көрүнбөй келип басып муунтуп, кыйноочу кара күч албарсты деп аталган, аны чачы саксайган аял кебетесинде элестетишкен. Кара баскан аялды сактап калууга куучуну чакырышкан. Ал албарстыны көрө билүү касиетине ээ болгон. Мындай касиетке куучу албарстынын бир тутам чачына ээ болгондон кийин жетишкен дешкен. Эл оозундагы кеп боюнча албарсты чачын жулган адамдын артынан калбай ээрчип, жалынып-жалбарган. Ал эми анын чачын Курандын ичине же өтүктүн таманына салып гана уурдатпай сактоого мүмкүн болгон.
Төлгө. Наристенин бутун алаканга, жерге коюп таканчыктатып көндүрүшкөн. Өзүнүн боюн токтото баштагандан аны каз-каз тургузуп, тай-тайлап бастырышкан. Кандайдыр бир ишке баланы каз-каз тургузуп төлгө салышкан. Баланын оң бутун көтөргөнү жакшылыкка, кубанычка, ал эми сол бутун көтөргөнү жамандыкка, жолу болбостукка жорулган. Бөбөктү эртерээк бассын деп, жаңы союлган койдун ысык канын тепшиге куюп, баланы ага отургузуп, кан менен бел кырчоосуна чейин жуунтушкан. Ошол эле максатта аны палоо демдегенде аштын бетин жапкан сапал табакка (таш табакка) отургузушкан. Буттары муунуна кирсин үчүн эки такымына жаңы союлган койдун бөйрөктөрүн ысык бойдон тартат.
Эсте болсун. Түлкүнү атып же чаап алган учурларда, анын терисин сыйрып жатып, тумшугунун учундагы сыйда кара терисин кесип алып, баланын колтугуна тагып койсо, эч нерсени унутпаган, көргөнүн эсинен чыгарбаган эси бекем адам болот экен. Дал ошондой эле касиетке сүмөлөккө салып кайнаткан ташты дайыма жанга салып жүрүү менен жетишүүгө болот делген.
Кыз бала иштүү болсун үчүн кой союлуп, эт бышып алдыга келгенде, койдун таңдайын алып, аны кыздын алаканына чаап-чаап туруп жедирип ырымдаган. Муну аткарса, кыз чебер болот экен. Кыздын колунун ийилчээктигин чеберчиликке деп жоруп, уз болсун үчүн жарганаттын канатын кыздарга карыштаткан ырым бар.
Жаш баланы башына урбайт, баланы башына чапкандын баш баласы өлөт дешет. Алынган тырмакты тепсендиде калтырбайт, сууга ыргытпайт, отко салбайт, кечинде тырмак албайт. Балдар эки колунун тырмактарын кайраштырбайт. Мал байлаган жипти аттабайт. Наристени караңгыда көчөгө алып чыкпайт. Эгерде андай зарылдык туулуп калса, маңдайына көө сыйпап коёт. Караңгыда келип жаш баланы көрбөйт, ал тургай бөбөктүн атын атабайт. Баланы кечке жуук, беймаал убакта уктатпайт. Караңгыда кийимдерин сыртка калтырбайт.
Жаш баланын кирин жууган сууну да караңгыда сыртка төкпөйт.
Сүйлөй элек баланы күзгүгө көрсөтпөйт.
Жаш балага сүйлөй элек болсо жамгырдын суусун ичирбейт.
Баш бармагын сордурбагын, тили чулдур болуп калат деп томукту кемиргенге тыюу салынган.
Баланын тилинин эрте чыгышы, так сүйлөшү үчүн казандын түбүндөгү кырындыны, тандырга жабылган нандын бетине себилчү сүттүн түбүн, чай чынылардын түбүндөгү чаманы ичирген. Бадачыдан же дубанадан нан сурап берип, жерди, баланын тили так чыгышына таасири бар делген.
Баланын көзү чоң болсо коркок болот дешет.
Кулагы чоң баладан баатыр чыгат деп коюшат.
Желкесинин чуңкуруна карап, баланын кежирдигине, кыйыктыгына, көктүгүнө жоруган.
Жөрмөлөп калган бала эңкейип, аласынан арт жагын караса «күткөн адамыбыз, жакыныбыз келет экен» деп жорушат.
Эркек баланы тоскондо үзүп-үзүп сийсе, «артынан кыз ээрчитип келет» дешкен.
Кичинекей бала эшиктен карап же чалынып жыгылса, үйгө киреше кирет экен деп жыйылган жүктү үч жолу сүздүрүп ырымдаткан.
Бала чакаса, «майга-сүткө, жаңы сойгон этке» деп жонуна кагып койгон.
Төшөккө көмкөрөсүнөн түшүп, чөгүп жатып уктаган баланы дөөлөттүү, бай болот деген.
Уктап жаткан бөбөк колун жумуп (муштумун түйүп) уктаса, өзүнө тың, бирок бышык, сараң адам болот дейт. Ал эми колун ачып уктаса, берешен, март болот экен. Көзүн ачып уктаган баланын аялы, кыздын күйөөсү сулуу болот делет.
Бөбөктүн ойноп жатып бош идишти башына кийип алышы кымбатчылыкка, тебелеп, бутка кийип алышы арзанчылыкка деп жорулган.
Бөбөк тилин чыгарып көргөзсө, атасына байлык тилеп жатат деген.
Айылга атактуу, комузчу адамдар келип калса, баласын көтөрүп барып, комузчу болсун деп ырымдап, комуздун кулагын тиштеткен.
Бөбөктүн энеси жогунда аны сооротуу үчүн турмушка чыга элек кыз эмизип койсо, бала чоңойгондо өнөрпоз (ырчы, комузчу, куудул ж.б.) болот дешкен.
Жаңы төрөлгөн бөбөктү коёндун далысы менен оозантып, тогуз жашка чыкканга чейин күн сайын көрсөтүп турса бала далычы, көзү ачык болот экен. Ал далыны карап эле ар кандай иштерди алдын ала айтуу касиетине ээ болот дейт. Бирок такай көрсөтүп жүрүп унутуп коюп, көп мезгилден кийин далыны көрсөтө койсо, баланын жүрөгү жарылып кетет деген ишеним бар.
Жаш бала таяк таянбайт, себеби ата-энеси өлгөндөр таякка сүйөнүп өкүрүшкөн.
Жер таянып отурбайт, антип таянары жок жетимдер гана отурат дейт.
Жакын адамыңдан ажырап каласың деп балага бөйрөгүн таянтпайт. Өлгөн адамга аялдар бөйрөгүн таянып алып кошок кошушкан.
Бала жаагын таянбайт, бул да санаа тартуунун, аза күтүүнүн белгиси катары каралат.
Үшкүрбөйт, үшкүргөн баланы «көйнөгүндү уй жегир» деп тилдейт.
Таңдайын такылдатса да урушуп, тыйып коёт, себеби ата-энесин жеп, жээрге эч нерсе калбай калганда, таңдайын такылдатып калат деген.
Бала колун төбөсүнө албайт, жаш туруп өлөт дешет. Ошондуктан илгери жаш өлгөн адамга «колу төбөсүндө кетти» деп ыйлашчу экен.
Жаш баланын колун артына алышы да жетимчиликтин белгиси.
Бала тизесин кучактап отурбайт, кембагал болуп калат.
Мүрзөнү колу менен көрсөтпөйт.
Үч жашка чыкканга чейин баспаган баланын бутун козу байлаган көгөн менен жети жолу байлап, тушоо кесет.
ТҮШ ЖОРУУ
Түш айтуу, түш жоруу кыргыз элинде нечен кылымдан бери ырым катары айтылып келет.
Кыргыздардын наристе түшүнүгүндө, түштүн мойну эң эле ичке болот дейт. Аны жакшылыкка жорубаса, түштүн мойну оңго бурулуп, иш ийгилигине чалат имиш. Эгерим түштү жаман жоруса, түштүн мойну тескери бурулуп, иши оңуна тартпайт имиш. Ошого түштү көрүнгөн эле кишиге айтпастан, жакындарына, кызыл тилдүү чечендерге айткан.
Алар тилдин күчүнө, сөз касиетине салып, көркөмдүккө көтөрүп түш жоруган. Ошону менен түш айтуу, түш жоруу ыры, адабияты жаралган.
Түштүн бөлүнүшү. Кыргыздар баштапкы түшүнүк боюнча түштү ак түш, жаман түш деп экиге бөлгөн. Кара түштүн өзүнө туштук айтылыштары (мисалы, түндүгү сынуу, казаны сынуу) болгон. Андай түштү кара сууга айтып, ырым кылып түш оңолсун деп тилеген. Ак түш адамга касиеттүү нерселердин жолугушу менен айтылган (мисалы, арстан, төө, кашка суу көрсө ак түш болгон).
Кыргыз эл ооз адабиятында түш айтуу жана аны жо руунун өзү билген жомок катары адабий деңгээлде айтылган. Ошого түш айтуу жана аны жоруган окуяны бирден жомок катары эсептесек да болот, мисалы, Манастын түшү өзүнчө бир жомок катары айтылат.
Түш айтуу жана аны жорууга байланыштуу макаллакаптар да чыккан. Алып айтсак «эр карып, эшек төш өбөт, катын карып була (пакта) төшөбөйт», «жыланды түшүңдө көрсөң – кенч, өңүңдө көрсөң – жанч» деген макал-лакаптарда эшек, пакта, жылан, түш көрсө ак түш катары, жорула турганы өзүнчө макал-лакап болуп калыптанган.
Кыргыздардын эпосторунда түшүнө аян берүү, түш айтуу, түш жоруу жогору адабияттык деңгээлге көтөрүлүп, окуяны баяндоонун каражаты болуп келген.
Демек, түш айтуу жана аны жоруу кыргыз эл ооз адабиятында өзүнчө ыр түрүндө гана айтылып калбай кадыресе, жомоктордо, макал-лакаптарда, эпостордо колдонулуп келген адабияттык түр эсептелет.
Түш айтуу жана жоруунун өз алдынча айтылуу ыкымы, сөз колдонуу эрекчелиги болот, түш айтуу жана жоруу ырынын үлгүсүн эпостордо айтылган түрлөрүнөн көрсөтүү ылайык, себеби эпосто айтылган түрлөрү жогорку көркөмдүккө көтөрүлгөн, орток мүнөзгө келген, тили бышкан үлгү катары каралат. Ал эми мында айта кете турган нерсе түш айтуу, аны жоруу ар кимдин чыгармакерлик жөндөмүнө жараша түрдүүчө иштелип чыккан болуп, эл ичинде көптөгөн варианттар бар.
Түш белгиси. Бышкан эт – ырыс, чийки эт – сасык тумоо.
Аял, уй, кой – душман, сары май – санаа, өзүнүн богуна чылануу – олжо.
Түштө кирчил көрүнсө, жамандыктын белгиси. Тунук суу, төө, ит көрүнсө жакшылыкка жорулат «Түштүн башы чарадай, моюну кылдай, таң эртең менен эмнеге жорусаң, ошого оойт» деген да ишеним бар.
Жаман жакка бурулуучу түш болсо, «түлкүнүн тезеги» дейт. Бул оңго, жакшылыкка буруу болуп саналат.
Түшкө эгин кирсе, пайданын белгиси.
Чоң дарыя – узак өмүр.
Кой – душман.
Өлүк тамак ичсе – зыян.
Өлүк тамак берсе – жаманчылык.
Сары туз – кайгы, санаа.
Жорго минүү – зыян.
Түштө ыйласа – өңдө кубануу.
Эркектин эшек, аялдын камыр же пахта алганы – жакшылыкка дуушар болгону.
Төө кубаласа – катаалдык.
Чийки эт – зыян.
Кыздар – шайтандын азгырыгы.
Жылуу сууга жуунса – дөөлөт.
Ат – даража.
Үйүнөн тамак берсе – зыян.
Ак нерсе – жакшылык, бакыт.
Калың мүрзөлөрдө жүрсө – жакшылык деп жорулат.
Бок жыйнап жүрсө – байлык.
Жылан – кенч.
Орус көрсө – олжо.
Өсүмдүк көрсө – олжо.
Уй, ит – оорунун кырсыгы.
Карышкыр жортсо – жакшылык.
Кызыл көрсө – сөз болот.
Ылай суу – илдет.
Ак сүт, айран – кар жаайт.
Жылаңбаш жүрүп, ачык кабактык – бактылуулук.
Кут, лачын, кыргый кармаса – эркек балалуу болот.
Ит, мышык – жаман.
Мурун канаса – олжо.
Мал – жайылган көп мал – үй-бүлөң менен бактылуу жашоо.
Сүт саап жатканын көрсөңөр эл күтпөгөн байлыкка жетишесиң.
Түштө маскачан адамдарды көрсөң айлана-чөйрөдөгү досторуңуз ишенимсиз адамдар. Эки жүздүү адамдардан абайлай жүрүңүз.
Нан – ырыскы, дөөлөт, байлык. Нан түшкө кирсе сөзсүз чоң киреше кирет. Аракетиңден баш тартпай иштесе, сөзсүз ийгилик күтүп турат.
Нике – түшүндө көрсөң өзүң жактырган адамга тур мушка чыгасың. Нике кыйылганды түштө көрсө анда ооруга чалдыгат.
Намаз – эгерде түштө намаз окусаң – ишиң илгерилейт да, жамандыктан алыс болосуң. Ылайым Кудай өзү колдосун.
Отуруш – той, жолдошторуң жардамга келет. Жакшылык иштер көп болот. Эгерде сабаттуу, сымбаттуу коноктор менен дасторкондо даам сызсаң – мартабаң көтөрүлүп, ишиң алга жылат. Тескерисинче, ниети бузук адамдар менен бош дасторкондо отурсаң – жамандык тооруп атканы.
Өзүңдү түшүңдө көрсөң аңда сенден келечекте чоң акын же журналист, айтор, атактуу адам чыгат. Ар дайым элиңе акылмандык менен кызмат кыл.
Түшүңдө кыйналып ооруп төшөктө жатсаң турмуштагы ой-санааларың. Эчтеке эмес, кайратыңдан жазба. Убактылуу убайым чегүүдөн да кутулчу убакыт келет.
Көз айнекти түшүңдө көрсөң, ишенбөөчүлүк пайда болот, сенин жакындарың алдап да, шылдыңдап да кетет.
Ойношуңду түшүңдө көрсөң – канчалык ысык болгонуң менен жакын арада мамилеңер сууп алысташып, бактыңарды үй-бүлөдөн табасыңар.
Отун – жакшы жышаан, байлык чогултасыз.
Өрүк – жесең байлыгыңа байлык кошулуп, мартабаң көтөрүлөт. Жеген өрүктүн даамы ачуу болсо сасык тумоо.
Ширин болсо мал-дүнүйөң көбөйөт.
Өлүк көрсөң өмүрүң узун болуп, капасыз өмүр сүрөсүз.
Күрмө боюңа чак келбесе, коркосуң. Жакшы күрмө кийсең зоболоң көтөрүлөт. Жоготсоң түйшүккө кабыласың.
Жаңы баш байлап баккан пахта – иште ийгилик, жеңиш. Соодагердин түшүнө пахта кирсе жакында товарыңдын баасы көтөрүлөт. Пахтаны түштө көрүү – ченемсиз оомат ийгилик. Ар дайым өркүнүң өсүп, ишиң оң жолдо.
Пияз – кимдир бирөөлөр менен кайым айтышып, жаман сөздөрдү угуп калышың мүмкүн. Абайлап сүйлөп, абайлап жооп бергенге аракет кыл.
Эгерде падыша менен чогуу жүрсөң – жоопкерчилик иштер күтөт. Аялдар түшүндө көрсө күйөөсүнөн сак болушу керек. Шайтанды кайдан деп болбойт.
Сүт – жакшылыктын жышааны. Ичсе дыйкандар мол түшүм алат. Соодагерлер соодасынан ийгиликке жетишет.
Кыскасы, кимге болбосун киреше кирет.
Сууга чөгүү – материалдык жактан чоң зыянга учурайсың. Суудан аман-эсен чыксаң – убактылуу азаптан тез аранын ичинде кутуласың. Кимдир бирөөнүн чөгүп баратканын көрүп суудан алып чыксаң – теңтушуңдун кызмат даражасы бийиктеп, сага жардамы тиет. Кыздын түшүнө сүйгөн адамы сууга чөккөнү кирсе – айрылуу, ажырашуу, өкүнүч.
Саякат – сапарың ийгиликтүү болуп каалаган жериңе аман-эсен жетсең, оюңдагы максатың орундалат. Жолдо баратып жоболоңдуу окуяларга туш болсоң – сак болушуң керек. Тели-теңтуштарың саякатка эң сонун маанай менен аттанышса – жашоодо жакшы өзгөрүүлөр болот. Сиркеси суу көтөрбөгөн, көңүлдөрү чөкпөгөн жоро-жолдошторду сапарга узатуу – анда аларга көп жылдан кийин жолугасың. Бараткан жерге тез жетсеңер – жасап аткан ишиңен майнап чыгып, кирешеңе-киреше кошулат. Тоо, таш, эрме чөл, какыраган талаа, чоочун шаарда саякатта болсоң – сактанбасаң начар иштерге кабылып калышың мүмкүн. Жолдо адашуу – «мынча пайда табам» деген куру кыялдарыңды унут. Машинада жалгыз саякат жазасаң – жолуң болбой калат.
Саат – негизинен кур бекер кыял менен өткөргөн өмүр. Ушунчадан ойлонуп жашоого туура көз жүгүрт.
Түшүңүзгө согуш кирсе анда кыйынчылык жашоо келаткандын белгиси. Тезинен оюңан кайтып максаттуу жол танда.
Самын менен жуунсаң жаңы достор менен таанышасың. Алар сага ийгилик алып келет, ошондой эле кетирген каталарды оңдоо керек деген белги. Көптөн бери кабар ала албай жүргөн тааныштарыңдан кабар ала аласың, сен үчүн дили таза.
Сары май – көрсөң же жесең ден соолугуңду абайла.
Кимдир бирөө алса ал дартка чалдыгышы мүмкүн.
Түшүңдө сел каптаса – алыска жана жакынкы душман дарыңдан сактан, кара санатайлык менен сызга отургузуп кетпесин.
Сакал өскөнүн көрсөң атак-даңк өсүп элге таанылган илимпоз же ишмер болосуң. Ак жолуң ачылсын ылайым.
Сүйүнүү – ишиңден бар табасыңар, эгер кимдир бирөөнү сүйүнтсөң өзүң кыйналасың.
Түлкү – кармасаң теңтушуңдун калпын билесиң, качса амалкөй аял мээңди айлантып жүрөт. Түлкүнү өлтүрсөң – балакеттен арыласың.
Бойго жеткен кыздын түшүнө топчу кирсе каалаган ой-максаты ишке ашат.
Түшкө ак булут кирсе кудай ага илим жана жыргалчылык берет. Сары булуттун ичинде калса, ооруп калат, садага берип, куран окутсун. Эгер кызыл булут көрсө азап тартат. Эгер булут асманга көтөрүлгөнүн көрсө улама-аалым дар менен сүйлөшөт, максатына жетет. Эгер жамгыр жаап турган булутту көрсө, Алла Тааланын рахматы көп болот.
Кимде-ким түшүндө ажыдаар көрсө, душман колуна түшөт. Эгер ажыдаарды өлтүрсө, душманынан кутулуп, мал-мүлктүү болот.
Түшүндө алмурут жесе, үйүнө дүйнө келет. Эгер сары алмурут жесе ооруйт. Садага берип, куран окутсун.
Түшүндө анар көрсө же алса ага мал-дүйнө насип кылат. Эгер анарды дарактан үзүп жесе насиби көп болот. Таттуу анар көрсө малдуу болот. Ар түркүн анар көрсө кайгы-муң келет.
Башка түштөрдүн жорулушу
Түштө аалымдарды жана дервиштерди көрсө, кырсыктардан алыс, ден соолукта, илимге жакын болот.
Түштө илим окуса, аалымдар менен жолугат.
Түштө күндү көрүү, кыяматта пайгамбарлардын катарынан орун алат.
Ал эми жылдыздарды көрсө, мурат-максатына жетет.
Учуп жүрсө ыйманда болуп, күнөөсүнөн арылат. Же токтоло элек курактын белгиси.
Түшүндө өзүнүн капа болуп жатканын жана башкалардын шаттыкта жүргөнүн көрсө, дөөлөтү артат.
Ооруган абалда өзүн көрүү ден соолугу жакшы болуп, кайгы-кападан арылат.
Түшүндө бир нерсесин жоготуп алса, же өлгөн адамдар менен жүрсө, тезинен садага берип, куран окутсун.
Тирүү кишинин өлгөнүн көрүү, өмүрү узун болот.
Ыйлап түш көрүү, өңүндө шаттыкта жашоо кечирет. Түштө кызыл алтын көрсө, дөөлөтү андан да артат.
Түштө ат көрүү, малдуу болот. Кооз ээр-токуму менен көрсө, чоң кызматка олтурат.
Ар кандай түрдүү металлдарды көрүү, кайгы-капасыз жашоо.
Тоолорду көрүү зоболосу бийик көтөрүлөт.
Буудай, арпа, таруу көрсө, садага берсин.
Түшүндө сүт, айран көрсө да садага берүү керек.
Алма көрсө, көптөн бери жолуга элек адамын жолуктурат.
Адам түшүндө эшек, кулан, ат көрсө, айбанаттарды көрүү, эл жыргап жашап калат. Арзанчылык болот.
Ырым жосуну. Үйгө келген адамга даам ооз тийгиз.
Камчыны моюнга салып келүү – кечирим суроонун белгиси. Аттанып жатканда колдон камчынын түшүп кетүүсү – жол болбоонун белгиси. Аны аттанып жаткан адам өзү аттан түшүп алып, кайра атка миниши керек. Камчыны керегеге кыстарылган жерден ээси алышы зарыл. Аны бирөө алып берсе да жол болбогондук. Там-туң баскан баланын төбөсүн жерге тийгизгени – жол караганы, күткөн адамдын келе жатканы.
Чынынын колдон түшүп, чайдын төгүлүшү – бирөөлөрдүн шашып келе жатканы же болочок ишиңдин кечеңдей турганы.
Камчынын керегеде (үйдө) дайыма илинип турушу – үй ээсинин кайраттуулугунун белгиси.
Айыл ичине атчан чаап кирүү – жаман кабар угузуунун белгиси.
Сапарга чыгарда аттын жүгөнүн салганда, ат башын көтөрүп оозун ачса – жолдун болушу.
Үйдүн босогосун кемире басып кирүү же кемире басып чыгуу – ичте кектин болуусу.
Алакандын ысышы же кычышканы – жолго чыгуу же акча, буюм алуу.
Сол кулактын чуулдашы – бирөөлөрдүн ушактап же жамандап жатканы.
Оң кулактын чуулдашы – бирөөлөрдүн мактап жатканы.
Жолуңду кара мышык, кара чаар жылан кесип өтсө – жол болбогондуктун белгиси.
Колуңдан идиш түшүп сынганы – ошону менен кырсыктын чыгып кетиши.
Ала таяк кара кылды как жарган калыстыктын белгиси.
Жаагыңды таянба, ыксыз үшкүрүнбө – капачылыкты чакырасың.
Итиңдин улуганы – жамандыктын жышааны.
Күл менен кирдин суусун кошуп төкпө.
Үйдү төргө карай шыпырба, душманың көбөйөт.
Караңгыда оорулууну көрбөйт.
Жиликтин чучугун балага бербе, кайрымсыз болуп калат.
Жаш баланын жашын жылдырып айт.
Айга ак (сүт, айран) көргөзбөйт.
Боюнда бар келин капка олтурбайт.
Өз баш кийимин бирөөгө бербейт.
Үйгө кирген жыланга ак чачат.
Базар күнү сапарга чыкпа, жума күнү жол жүрбө.
Ток болсоң да томукту мүлжү, ач болсоң да чүкөнү мүлжүбө.
Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак же маки менен чийип кой.
Келин алган тарапка баш (малдын) тартпа.
Келинди отко киргизгенде май жедир.
Жаңы келген келинге күйөөсү жок аял биринчи жоолук салбайт.
Кечинде тырмак албайт.
Өзүнүн чачын өзү кыркпайт.
Жердин бетине мык какпайт.
Колду – салаалабайт, бутту – учкаштырбайт.
Оң жамбашың менен жат.
Жаман түш көрсөң сууга айт, суу менен агып кетет.
Түштү жамандыкка жоруба, жакшылыкка жору.
Түнүчүндө түш айтпайт.
Алдыңдан кара мышык өтсө баш кийимиңди бир тегеретип кий.
Атың аксаса балаңдын заарасы менен жуу.
Акты «куу» дейт. Мында мал-жандын, буюм-тайымдардын өңү-түсү тууралуу кеп болот. Адамда аппак сакалдууну «куу сакал» дейт, аппак мурутчанды «куу мурутчан», байбичелерди «куу чач», аппак чүкөнү же томпойду «куу чүкө» же «куу томпой» дейбиз. Мындай көрүнүштөр айбанга карата да айтылат. Ак тайганды «куу тайган», ак итти «куу дөбөт» дейт. Малга карата да айтылат. Ак атты «боз ат, көк ат, кызыл ат» дейт. Бул – Чыгыш элдериндеги байыртан келе жаткан ырымдар го. Ак куу «аппак, аппак» – өтө ак деген түшүнүктү кош кабат айтуу болсо керек.
Аркан чыйратып жатканда түбүнөн кесип өтпө. Бул – элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн узчулугуна байланыштуу ырым. Алсак, «өрмөктү аттаба, кыя өтпө, килем дүкөнүнүн эришин тепсебе, чеберлер кармап жаткан жип, жүн өңдүү жердиктерди тепсебе»,– дешет. «Балаңа шалча согуп, килем токуп бер» – деп, кичине жип-шуу ырымдаса аны алып, жолдугуна аларга тамак даярдап, ошол узданган жерине келип берет, бата алат. Аркан чыйратып жаткандагы ырым да ошого маанилеш. «Балаңа чылбыр, аркан эшип бер» – дейт. Бул – жасалып жаткан иштин шар жүрүшү үчүн өзүнчө ырым-жырым кармоо. Мисалы, чабылуучу күлүктү токуп атканда маңдайына адам турбайт, же алдынан жанды кыя өткөзбөйт.
Арыктагы сууга какырба да, түкүрбө. Бул – аш куйган аякка, алдыдагы тамакка түкүрүү менен барабар. Себеби көрөөр күн, ырыскы суудан башталат. Жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жашоочу абалы сууга байланышат. Суу болбосо, турмуш жок. Суу, аба, күн болбосо, жашоо жүрбөйт. Ошон үчүн элибиз: «Аккан сууга түкүрбө»,– дешет, аны ашыңды, аш куйган аягыңды сыйлабоо катары карашат. Суу – ыйык. Аны ичебиз, кечебиз, сугарабыз. Ушундан улам айрым теңиз, момун адамдарды аккан суудан, чыккан чөптөн башкага зыяны жок дейбиз. Ошондуктан кол жууганда суу куйган адамга: «Өмүрлүү бол, суудай сулуу бол, суудай мол бол, суудай тунук, тынымсыз агып тур»,– дешет. Алыс сапардан аман-эсен кайткандардын башынан суу тегеретебиз. Түндөсү суу куюлган идишти ачык койбойт. Отту суу куюп өчүрбөйт. Агын сууну чачып ойнобойт. Жууган колду силкпейт. Ошонун баары сууну теңир катары көрөбүз.
Мунун дагы бир мааниси мындай: агарып-көгөрүп, баар таап, «ырыс алды – ынтымак» болуп, канат-бутагың жайылып өсүп жаткан ордуңа акарат айтпа, ошол иштеген жериңди медер туткун. Болбосо, анын кусуру урат.
Ат жалына бут чыгарба. Кыргыздарда ат жалы өтө ыйык катары каралат. Алыс сапарда ат үстүнөн аңгеме сандыгы чечилген. Аны: «Ат жалында казан ас» – дейт. Айыл араласаң ат үстүнөн аякка суусун сунушат. Аны аттын ыйык жалына акырын тийгизип, «бисмилланы» айтып, анан ооз тиет, шак жутуп жиберет. Мына ушундай жерде айрымдар кош бөйрөгүн таянып, аттын жалына буттарын чыгарып туруусу, демек, ал адамдын текеберчилиги, ашкан көпкөндүгү, мансапка, байлыкка чиренүүчүлүгү, улуу-кичүүлөрдү көзүнө илбөөчүлүгү, манчыркап кетүүчүлүгү деп гана жоруйбуз.
Башынан суу тегерет. Бул – башынын соо келишине карата жасалган ырым. Алтын башынын ар кандай тоскоолдуктарды жеңүүсү, адатта, алыс жол сапардан аман-эсен, аткөл кайткан адамдын башынан байбичелер үч курдай суу тегеретет. Ошол чыныдагы сууга үч курдай түкүртүп, сууну чачып, чынысын көмкөрүп коёт. «Ат-көл, аман-эсен келди, кудайым берди» деген жадырап-жайнап тосуп алууну, жай ала түшкөндүктү туюндурат.
Бешик тууралуу сөз. «Бешикти кур терметпе», «Бешикти эки адамдап көтөрбөйт», «Бешикке өбөктөбө» өңдүү тескөөлөр жеринен бар. А чынында, энеси өбөктөп балага эмчек эмизет. Кээде эмизип жатып, куш уйкуну сала кетет. Бешикти энеси өңөрөт, өңөрүүгө бир киши алып берет. Ал эми бөлөнгөн баласы бар бешикти сооротуу же уктатуу үчүн ким болсо да термете алат.
Бересенин аласасын кыстаба. Тирүүчүлүктө аласа-бересе боло берет. «Эр жигиттин малы элде жүрсүн, эриккенде колго тийсин» деген кеп бар. Жону жукалык кээде адамды тукулжуратат. Аласасын бере албай жүргөндөр үчүн Аксактын амырына кароо керек. Жокчулук жаба токунуп турган шартта кайра-кайра басмырлап доолашуу, албетте, бардарларга анча аброй алып келбейт. «Бул сааганым Сарбагыштын бээси, таңда келет ээси» дегендей болот, алды-бердиге адамдык ырайым болуш керек.
Бирөөнүн кайгысына кубанба. Кыргызда: «Таба эмес, тобо кыл» деген накыл сөз бар. Кээде «ал ошону көрмөк», «мага да кылбаганды кылган, дебегенди деген», «көзүнө адам көрүнбөй калган» өңдүү кектешүүлөр да бар. Анан «кудайдан тапсын» деп да коюшат. Ошондой ыдык көрсөткөндөрдүн башына кайра кайгы түшүп турганда абалын сурап, көңүл бөлүп, кайгысын бөлүшүп, имериле калыш, мурун ортодон кыя өтпөгөндөй мамиле жасаш – сенин түпкүлүктүү адамдык касиетиң. Ошондуктан, мусулманчылыкта «кекти капырга жараткан» деп коёт.
Босогодо туруп, бой кербе. Бул – боз үйгө кирүүгө байланыштуу айтылган ырым. «Босого менен тең турба», «босого менен бойлошпо», «босогону баспай кир» өңдүү ырым-жырымдарды улуулар айтып, тескеп турушкан. Босогону кемире басып чыгуу – ичте кектин бардыгы. Эшикти аттай кирген жан дароо орун ала отурат. «Көчүк бас, сенин боюң менен тең кар түшсө, кайда барабыз» деген сөздү угабыз.
Бирөөгө чыныны, тамакты оң колуң менен узат. Бул идишти сунуудагы адептүүлүк, маданияттуулук, ызаттуулук. Сунуп жатканда алуучу адамдын колун карап илбериңки, түз сунуу, ал идишти алаары менен оң колду тартып алуу, кайра бошогон идишти бутташтырбай алып, кайра сунуу керек. Оң кол турганда сол кол аркалуу бирөөлөргө бирдемелерди берүү – одоночулук, текеберчилик, билимсиздик.
Бышкан, бышып аткан ашты таштаба. Албетте, таштап кетүү – кесир, ырысын тебүү. Ошол үйдүн дасторконун, от күйгөн очогун, кайнаган казанын, дөөлөттүү карысын сыйлабоо. Тамак бышып калса, ооз тийбей баса беребиз.
Кыргыздар – меймандос элбиз. Кайнап жаткан тамак үстүнөн бирөөлөр чыкса, ырыскылаш катары сүйүнүп, келбери тосуп алат. «Тамак бышып атат», «бышып калды», «жай отур» өңдүү сөздөрдү айтуу парзыбыз бар. Таштап кетсең жол болбойт деп турабыз. Кээде конок айттырып коюн сойдуруп, казанын кайнатып коюп күттүрөбүз же келбей коёбуз. Арийне, бул – ошол үйдүн шабайын суутуу, барк албоо, нарк-насилди баалабоо…
Даараткана оозун күн чыгышты каратпа. Бул – заараңды, улуу заараңды Чыгышты карап ушатып каласың деген сөз. Тактап айтканда, адатта, дааратканага киргенде кирип барып, күн батышты карап отурбайсың. Ошондой эле айткандай, Кыбыланы карап да даарат ушаталбайсың. Мында тийип турган Күндү ыйык тутуп, ага табынуубуз абзел, баарыдан мурун тиричиликке жарык, жашоо чачкан Күн экенин туюп-билүүбүз зарыл.
Жайнамазды, супураны тепсебейт. Бул – диндик ырым-жырым. Жайнамаз – намаз окуучу буюм. Ошол үчүн ыйык сезилет. Аны жайып, этегин тепсебей туруп, ошонун бетине жыгылат. Окуп бүтөрү менен аны төрт бүктөп тепсебей турган бийиктикке, адатта, жүк үстүнө коёт. Намаз окуй турган орунун да таза тутат. «Алла Таалага сыйынганың кабыл болсун, мусулман диндин касиетин таза сактасын» деген үмүттү туюндурат.
Ал эми супура болсо – ун-талкан элей турган буюм. Албетте, дан улук, шариятта курандан данды жогору коёт. «Эгер нан кол жеткис жайда турса, Куранды алдыга коюп чыгып ал»,– деп айтылат. Супура жерде жатпайт. Ун-талкан эленээри менен аны эбинде бүктөп керегенин башына, ашканага, аш ала баканга илгичи аркылуу илип койгон. Супура улагага илинбейт, жерге ташталбайт. Жайнамаз менен супура биринин ыйыктыгын бири толуктап жана аныктап турат.
Жарым жолдон кайтпай жүр. Адам алыс сапарга аттанаарда, ат жалын тартып минээрде: «Бисмилла, ишим илгери болсун»,– дейт. Алыс жолбу, жакын жолбу, баары бир максаттуу ишке аттанып баратканы белгилүү дечи. Ал жолдон айныса, анын туруксуздугу. Ат терин аясын, сапарды карытпасын – бул шыдыр жүр, бет алдыдан жалгасын дегенди билдирет.
Жаш адам желбегей жамынбайт. Чынында, желбегей жамынуу кары-картаңдарга ылайыктуу сезилет. Себеп дегенде, алар сырт кийимдерин улам кийип, улам чечип отурууга караганда жамынып, кирип-чыгууга, басууга, заара ушатууга, даарат алууга, намазга даярданууга оңтойлуу болот. «Бешиктен бели чыга элек жатып, желбегейчен аркы-терки басат» өңдүү сөздөр айтылган. Улуулардын көзүнчө минтип өзүн көрсөтүү – бир чети жаш адамдын төрөпейилдиги, тең санабоочулугу, манчыркап калгандыгы. Баарынан да, аксакалдарды көзгө илбей калууларынан да кабар берет. Андай жоруктарды көрүп тургандар да өзүнөн өзү коомай абалда калат. Ата-энелер да: «Балам, желбегей жамынып, көпчүлүккө көрүнбөчү» – деп туруучу.
Тамакка сынтакпа. Бар тамак – ырыс-кешик. Бирөөнүн сен үчүн жайган дасторкону – анын ак пейили. Демек, ошол үйдүн берген тамагы – анын дымагы. Чайга, нанга, жармага, айран-сүткө ж. б. ыраазы болбой, казан аспады, кой-тай сойбоду, каадалуу конок кылбады дейбиз. «Пайгамбар барга назир, жокко кайыл». Бар тамагын жаркылдап алдыңа койсо, басмырлап ичкен тамакка караганда аш болумдуу болору белгилүү. Мында сыпаакерчиликти, бирөөлөрдүн даамын баалоону биринчи орунга коюубуз тийиш.
Тамакты дасторконсуз ичпе. Мында абалы дасторкон жайылат. Ал – ошол үйдүн, үй ээсинин пейили. Бата тамакка эмес, ошол дасторконго тиленет. Муну артында «басып-туруп тамак жебе, көчүк басып ич, баш кийимди тамак ичээрде алба, бирөөнүн дасторконун сыйла» деген накыл жатат. Талаа-түздө, сапар жолдо, албетте, азыкты ичип-жеште дасторкон ордуна сөзсүз алдына бирдеме коёт. Жеп-ичип бүткөндөн кийин бата ошого тиленет.
Таң атаарда жолго чыксаң чык, күн батаарда жолго чыкпа. Адамдардын сапары, адатта, таң заардан, таңкы насипти ичип-жеп, анан «бисмила» деп аттануудан башталат. Кышта: «Таңкы суукка калсаң кал, кечки суукка калба» – деп да айтылат. Белгилүүдүр, эртең менен айланага күн тиет, сууктун илеби кайтат. Кечте суук кайратына келет. Анан түнкү жол арбыбайт. «Жердин эни жазылып кетет»,– дешет. «Түн каткан жалаңкычтай болуп» – дейт. Бирөөнүн үйүнө куучудай иттерди абалатып, жоошуп жаткан тынчтыкты бузуп, түн жарымында түшүү да жакшы жорук эмес. Кыргыздар конок маалын тушташтыра барып түшүүнү жактырышкан.
Таңкы насипти таштаба. Кыргызда: «Эртең менен жолуң болсо, кечке дейре таскагыңды жазба» – дей турган. Ал эми таңда туруудан, жуунуудан кийинки эртең мененки иш насипти ичүүдөн башталат. Бул – ырыскыңды, шыбагаңды көрүп кет дегендик. Ичип-жешке табитиң тартпаса, «бисмилла» деп ооз тий, «оомийин» деп бата кыл. Ал ырыс-кешик сени күтүп тургандай сезилет. Бир жакка жөнөөрдө: «Ата-а, үйдөн наар албай кетти эле, эми жолу болоор бекен?» өңдүү сөздөр пайда болот. Ошон үчүн таңкы насип сага жолдоштой туюлат. Ошондой эле эртең менен жаман ооз сүйлөбө, ал кечке чейинки иш-аракеттерге таасир тийгизет. «Иштин башы ишемби» дегендей, ал күнү аткарыла турган ой-максаттар көңүлдүү, шайдоот болушу ыктымал.
Тулганы теппе. Бул – кызыл отту жалындата жагып, казанды асып тамак-ашты бышыруучу буюмду тээп, текеберчилик кылуу, отко, ошол үйдүн казан-ашына шек келтирүү. Очокту бузуу менен барабар. Мындайча айтканда, ырысын-кешигин тебүү. Тулганы теппе, бутуң ооруйт, казан-аштын, идиш-аяктын убалына каласың деп турушкан.
Туткучту баспа. Туткуч – тутуп бирдемелерди кармоочу кийиз буюм. Ал аркылуу тулгага, очокко казан асылат. Чайнек коюлат, кайнаган чай алынат. Демек, тамак жасалат, бышкан тамак ал аркылуу кармалып чыгарылат, түпкүчкө коюлат. Туткучтан кол күйбөйт. Ошону менен ысыктыкты кармайсың. Ордуна коёру менен тут куч өйдө илинет. Бул – аны баспа дегени. Илгери «бутуң ооруйт» дечү. Тамак-аш бышкан идиштер аркылуу туткуч ыйыктай сезилет. Түпкүч тууралуу да так эле ошондой түшүнүккө ээ болобуз.
Капталдан качырып сөз катпа. Элибиз адеби жок жигитти жүгөнү жок атка окшоштурган. Сөз сүйлөө – өтө өнөр. Аны уга билүү, ал андан бетер жөндөмдүүлүк. Аңгеме учугу кайда сапталып баратат, угуучу айтуучуга алдыртан шык тартуулап отурган. Куйма кулак ар бир сөздү кулактын учу менен жибербейт. Улуулар сүйлөп жатканда ортодон үн катуу, качыра сөз айтуу – тиги айтуучунун сөз тизмегин бузуу. Экинчиден, сөзгө конок бербөө өзүнүн адебине доо кетирүү. Андай көпчүлүктүн назарына түшкөн аңгемеге ал кызыгабы, кызыкпайбы, буга карабастан ошол отурушту сыйлоосу парз.
Колуңду артыңа алба. Адатта, адам колду артына алат. Аркы-терки басып калат. Кээде андай көрүнүштү бекерчиликке жоруйбуз. «Колун артына алып эле басып калыптыр» дейбиз. Бирок улуулардын көзүнчө антип туруу одоно көрүнөт. Мында теңсинбөө билинет. Колду алдыга алып, көкүрөккө кысып туруу – мусулман элдеринде кичипейилдиктин белгиси.
Эки колуңду башка жаздап жатпа. Бул – текеберчилик, мансапкордук, башкаларды көзүнө илбөөчүлүк. Карап чыккандарга мартабалуу көрүнүшү, өзүн өзү кыйын саноосу. Анча-мынча дөөлөткө дөгүрсүнүү.
Эки бөйрөгүңдү таянба. Таянуу эри өлгөн аялдын, же бирдемеси өлгөн эркектин кошогун, өкүрүгүн элестетет. А чынында, мансапкордукту, манчыркоочулукту туюндурат. Улуулардын көзүнчө ошол адамдын куу чирендигин айкындайт. Бул мисалы, өзбек элинде анча одоночулукту билдирбейт. Ушундан уламбы, аларга канатташ элдерде, төтөн эркек аттуулар, айрыкча жаштар, адатта, отуруптурганда колду муштумдатып, бир колун бөйрөгүнө таяп турушарын көп көрөбүз.
Күлгө даарат ушатпа. Мында сөз тезек-көңдүн күлү тууралуу болуп жатат. Күл төгүлүүчү жер дөңсөөгө айланат. Ал – кызыл оттун таштандысы. «От менен ойнобо», «отко сийбе», «отту суу сээп өчүрбө» сыяктуу ырымдардай эле күлгө даарат ушатуу, бала-бакыралардын чамбылала күлдү челип ойноп отурушу – эрөөн-төрөөн. Муну илгери тескеп, «сезгенип калышка» жоруй турган. Ошондуктан, аны обочороок жайга төгүп, күл өзүнчө додолонуп турат. Yйдүн тегерегинде дубал түптөрүнө атайын күл төгүшөт. Демек, кээ бирөөлөр даарат ушатпасын, тегерек-чет таза турсун деген ой.
«Күйгөн отко түкүрбө». Бул оттун ыйыктыгын билдирет. Аба, суу, от адамдын жаны, жашоосу менен барабар. Ар бир адамдын өз коломтосу ыйык. Көпчүлүк элдер отко сыйынат. Коломтоң өчпөсүн деп турат. Ар адамдын жекече муктаждыктары бар. Очогу, күйгөн оту аркылуу турмуштук канааттандыруулар, өздүк максаттануулар пайда болот. Отту теппе, отко суу куюп өчүрбө, отту бут менен ичкелештирбе өңдүү накылдар улуулар тарабынан айтылып келген.
«Көрүстөндөрдөн өтөөрдө келме келтир, куран окуп кой». Албетте, анда арбактар жатат. Маркумдарды сыйлоо керек. Алардын бул жалган жана жарык дүйнөдөгү эл үчүн жасаган эмгеги тирүүчүлүктөгү вазийпасы көпчүлүктүн эсинде турат. Ошол ойго келет. «Бул жерде баланча жатат, түкүнчөнүн сөөгү ушул жайга коюлган» – деп касиеттүүлөрдүн күмбөздөрү, коргондору тууралуу айтылып келген. Тирүүчүлүктөгү ата-энелер, ага-туугандар ушунун тушунан өткөндө кайрадан ойго кылт этет. Арбактарды урматтоодо тушунан аяр бастыр, машинеңди акырыныраак айда, кези келсе, түшүп куран багышта, бата кылып өт. «Келээр жерибиз ушул» деген чындыкты моюнга парз кармообуз керек. Бейитти, көрүстөндү колуң менен көрсөтпө… жана башка сөздөрдү айта жүрүүбүз тийиш.
Мал короого даарат ушатпа. Мында төрт түлүктүн ар кандай түрлөрү болот. Мал жүргөн жерге улуу заарага отуруу, даарат ушатуу, заара кылуу – адалдыктан тануу, наадандык кылуу болот. Мындан малга оору пайда болот. Эмчектери чочуйт, сезгенет. Ошондуктан, малкананы таза тутуу зарыл. Анда көң уютасың, ал эми көң болсо – айылдык турмуштун негизги отуну. Зооветеринария лык тазалыкты кыргыздар жеринен талаптагыдай тутуп келишкен.
Миздүүнүн мизин каратып койбойт. Бул – көбүнчө бычакка карата айтылат. Бычак кырынан жатуусу тийиш. Анын чалкасынан мизи асманды караса, үй ээсинин, же бычак (маки) ээсинин дайыны жок эле бырчылдата мал союусуна, бычагы өтө курчтугуна жорушат. Ошондуктан, мындай жаткан бычакты көрсө, адатта, анын мизин антип каратпай, оңдоп коёт. Балта, керки, кетмен, чөп чалгы, кайчы өңдүүлөр тууралуу да мына ушундай өзүнчө түшүнүктөрү болсо керек.
Мойнуңа куруңду салба. Кыргыздардын элдик адатында бир күнөөгө батса, мойнуна курун илип, ошол улукка, же күнөөдөн жабыр тарткан адамга барган. Алдына чөгөлөгөн, кечирим сураган. Бул – чоң күнөөгө кириптер болуу. Мал башын тартуулоого дейре барган. «Мойнуңа куруңду илбе» деген мына ошондой абалда калба». Ал жакшы жорук эмес» дегенди эске салат.
Нан менен бычак аарчыба. Бул – мусулманчылыкта кесир. Дүйнөдө эң улук – нан (токоч). Ал – аш-тамактын башаты. Дасторкон жайылганда дүйүм тамактардан мурун, «бисмилла» деп, нанды ооз тиебиз. Бала-бакырага, келди-кеттилерге «нан ооз тийгин» дейбиз. Албетте, анын ыйыктыгы ушундан билинет. Ошон үчүн бычак менен нан тууралат. Кесме кесилет. Акыры аны менен майлуу бычакты аарчуу – кийин чыккандай сезилет. Бул башка диндеги өкүлдөрдүн таасири болсо керек. Бизде болсо: «Нанды көмкөрөсүнөн койбо», «нанды тепетең үз», «нандын күкүмүн терип же», «нан – ырысың, насибиң» – деп айтылат. Себеби туз буюрган жерге барасың, даам татасың. Дандырдан нан түшсө ысырыктап кой. Ооба, мындай ырымдоо – бир чети накыл.
Насиптин алдын башкага бербе. Тамак-аш жасаган адам – ошол үйдүн очогун туткан адам. Анын тузун татытат, бышканын, быша элегин байкайт. Бышты деп чыгарат. Анын даамдуулугун дагы билүү үчүн ооз тиет. Абалы төрдө отурган байбичеге даам таттырат. Айрым келин-кесектер ырым кармап, оорусу жугат, талмасы жугат – деп, тамактын алдын өзүнөн мурун кайын энесине сунат. Кээде төрдөгү мейманга сорпо сунат. Ал да байкайт. «Конок бышты десе, ала бакандагы эт бышат». Кыскасы, насиптин алдын башка бирөөгө бербөө – бул насипти өзүң ооз тий, насип ээси – ошол үй, тамак-ашты жасаган жан. Ошонун жоопкерчилиги жогору турарын туй дегени. Кыргыздар сабадагы кымызды ооз тийбей, башкаларга сунбайт. Анын кандай ачыганын өзү билет. Деле жарманы, кымызды, бозону минтип ооз тийип коюу абалкы адаттай сакталып келүүдө.
Наристе тууралуу сөз. Кыргызда наристеге байланыштуу бир топ ырым-жырымдар айтылат. Мисалы, «Балага жаңы кийим кийгизээриң менен өөп кой», «Атың аксаса, баланын заарасы менен бутун жууп кой», «Баланын кир суусун караңгыда сыртка төкпөйт», «Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка калтырба», «Баланы таманынан өппө», «Жалгыз уктаганда башына нан, бычак кой» сымалы ырым-жырымдарда, биринчиден, анын бул турмушта тазалыгын, сүттөн актыгын билдирүү, экинчиден, шайтан-шабырлардан алыс болуусуна, чочубай уктоосуна кам көрүү, үчүнчүдөн, анын периштелигине ак дилден мамиле жасоо, төртүнчүдөн, аларга бир илдет жугузуп албоодон сактануу бар.
Отту теппе, шамалды сөкпө. От ыйыктардын ыйыктарынан. Ал адамзаттын жашоо-тиричилигиндеги табынуучу касиетке эгедер. Кудай Тааланын эл-журтка берген шыбагаларынан. Көпчүлүк элдер отко, сууга, абага сыйынат. Муну тебүү, тээп сөгүнүү, тээп өчүрүү – Алла Тааланын амирине шек келтирүү. Шамал абага кирет. Табияттын буйругу менен шамал согот, жел жүрөт. Табият каарына алса, бороон-чапкын болот. Шамалдын күчүнө эч бир жан тоскоолдук кыла да, чыдап да тура албайт. Эр болсоң күйүп аткан отту тээп, шамалды сызгырылтып сөгүп көрчү, жаратылыш жаатынан жазага тартыласың.
Өлгөн жерге барганда оорулууну сураба. Арийне, өлүк чыгып жаткан жер – коогалуу учур. Аза жутуп, кайгырып турган орунда бирөөлөрдүн ооруп жатканын угуп, өлүккө барып алып, аны көрүүгө кирүү, абалын суроо – өтө оңтойсуздук. Жаны кыйналып жаткан пен деге ал оор тиет. Анын кийинки ахыбалына доо кетирип алабыз. «Мурун келип эмне сурабады экен?..» – дейсиз. Жаманчылык алдыга элестеп туруп алат. Мындай жерге келгендер башка мүшкүл жерлерге кайрылбайт. Ошол орундан мындай жорук мына ушуну менен чыгып кетсин деген ойдо шарт аттанып кет.
Узак сапарга чыгаарда ачууланба. Адатта, алыска аттанаарда эр-азамат эл-журттан бата алып жол тартат. Ал үчүн мал курмандыкка чалынат. Кыбыланы карап, кары-жаш катар туруп, анын аттанаар сапарын тилейт. Ал маңдайын жарып, батаны кабыл алат да, шарт бастырып кетет. Мында эли-журту ак тилектери менен алкап калат. Так ушундай маанайда ал алыс жолдон келет деген ырым көкүрөктө уялайт. «Кап, үйдөн ачууланып аттанды эле, деги сапары жакшы карыса экен» сымалы күдүк ойлор болбоосу тийиш. Эл-журту кандай жөнөтсө, ошондой маанайда тосуп алууга куштар болуп турушат.
Yйдө туруп ышкырба. Кыргыздар ышкырыкты анча сүйбөйт. Басса-турса ышкырынган бала-бакыраны адепсиз, тарбиясы тайыз катары көрүшкөн. «Көргөн-өскөнү жаман» дешкен. Ал эми үйдө отуруп ышкырынса ого бетер олдоксон угулат. Дайыны жок ышкырынса, «Тишине таш тийгир» деген каргышка чейин айтылган. «Айдаганы беш эчки, ышкырганы таш жарат» А чынында, ыксыз ышкырууну көпкөндүктүн белгиси катары карашат.
Шымыңды башка жаздаба, өтүгүңдү төргө илбе. Адатта, мусулмандар жатууга чечинүүсү буттан башталат. Аны аякка таштайт. Шымды чечип, жууркан алдына таштайт. Төшөккө кирип, көйнөктү чечет да, жаздыктын башына коёт. Шымды башка чыгаруу, көйнөктү аякка таштоо, өтүктү төргө чечүү, төбөңө илип коюу – бул ар бир кийимди чечүүнүн адептүүлүгүн, шарттуулугун, маданияттуулугун жоготуу. Кыргыздар антпей, аны ата салты, эне адеби катары көрүп келишкен. Албетте, мындай жагдайларды улууларыбыз кичүүлөрүбүзгө айта жүрүүлөрүбүз тийиш.
«Малды теппе. Кыргыздардын негизги турмуш-тиричиликтери – беш түлүктөрдү асырап, андан алынган азык-түлүктөрдү пайдалануу. Малдын эти, сүтү, андан чыккан түрдүү даамдар – дасторкон көркү. Жүнү, териси, мүйүзү, сөөгү кол өнөрчүлүк буюм-тайымдарына шартташат. Кыгы – жер семирткич, тезеги, көңү – отун.
«Мал боор эт менен тең». Демек, «Малды теппе, томаяк болуп каласың» деген, бул тепсең кедей, жарды болосуң, үрүп чыгаар ити жок турасың дегенди туюнтат. Мингичиңди арык-торук, жоор минсең, сааның арык-торук кармалса, саандагы музоо, кулун, козу-улак мантыкпай турса, ошондо аялдарың «жез тырмак», өзүлөрүңөр томаяксыңар, мал жукпас ырыс кыркаар, ырысыңарды тээп жатасыңар… өңдүү наалаттар айтылат.
Мисалы, кой-эчкини таяк менен айдайт. Буга байланыштуу «Койчунун таягынан, келиндин аягынан» деген макал бар. Жылкыны укурук менен айдайт. «Азоолорун үйрөтүп, укуругун сүйрөтүп» – дейт. Төөнү шапалак, камчы менен айдайт. «Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай» деген ж. б. лакап айтылат.
Желени кыя өтпөө. Желе байланган айыл жолдон чыкса, атайын ага түшүп аттануу адеби бар. Аны кыя бастырып кетүү наркта жок. Ал үй андыктан ага дасторкон жайып нан, чай койбойт. Буга милдеттүү да эмес. Кымыз сунат. Эгер чаначы бар болсо, кымыз куюп, канжыгасына байлайт. Чай коюп, дасторкон жайылгандан соң кымыз куюу жалпак отургандарга, жата конокторго шарттуу көрүнөт.
Куйма кулак кайсы? Акма кулак кайсы? Булар эки башка маани берет. Илгери кагаз, кат-сабаты жок чактарда санжыра арбын айтылуучу. Демек, ал оозеки тарых деп аталат. Санжырачылар жер чечегин безеп, өзү көрүп, бирөөлөр кулагына шыбырап тургандай, өткөн тарыхтан кызыктуу окуяларды баштап бергенде, кызыккандар отурган орунунан түк жазуучу эмес. Жаза кетпей угуп, кайракайра угууга куштарланып, алар да бирөөлөргө ошондой түрдө аңгемелеп, аны дагы бирөөлөр саймердендеп, айтор, тарых бүгүнкүгө дейре так жеткен. Демек, ошол санжырачылар, кунт коюп отургандар – куйма кулактар.
Акма кулактар – окуяны угууга кызыгуусу жоктор, ой-пикирин башкаларга буруучулар. Кызыктуу, керектүү, даректүү сөздү кармап калбоочулар.
Босогону кулачтаба (Эшикти кулачтаба). Мында эшик босого тууралуу сөз болуп жатат. Эшиктен кирген бала-бакыра босогону аттап кирүүгө тийиш. Адатта, алар кирип келе жатып, көбүнчө боз үйдүн босогосуна тура калып, эки колу менен таяк босогону (боз үйдүн эшиги: үстүңкү босогодон, эки таяк босогодон, астыңкы босогодон, каалгадан турат) кулачтап туруп калат. Ошондо: «Босогону баспа, кулачтаба, түз кир» дейбиз. Бирөөнүн үйүнө антпей түз кирип отуруу адеп. Ал абалтан калган ырым болсо керек.
Ортодон өтпөө. Күтүлбөгөн жерден улуулар менен учурашкан учурлар көп болот. Абалы, адаттагыдай, эң улуусуна кол беришет. Анан калгандарына салам айтуу ызаат. Жуп жөнөөрдө кичүүлөр улуулардын ортосунан өтүүсү адеп эмес. Ортону бөлбөй, алардын артынан бастырып кетүү шарт. Жөө кезде да ушул эреже сакталышы тийиш.
Yрп-адаттар жана ырым-жырымдар. Биринин түшүнүгүн бири толуктайт. Булардын түпкү максаты ыйманга, адеп-ахлакка, үлгүгө, нускага барып такалат.
Муундарга элдик нукта тарбиялоо-таалим берүүдө улуулардын жолун ыйык тутуу, аны андан ары улоо жөрөлгөлөрү улуттук белгилердин изден тайбоочу башаты болуп саналат. Эбактан бери аркаланып келе жаткан андай оң сапаттарга ээ кылуучу касиеттери менен кыргыз эли элдик педагогиканын негизин түзүп келген. Ата-эне, ага-ини, эже-сиңди, тууган-урук, жерге-жээк үчүн акылнасаат айтып, ич ара тескөөлөрсүз күндөлүк турмуш-тиричиликтин бир татым тузу кемийт, кызыксыз туюлат. Ар ким андай ырым-жырымсыз, үрп-адатсыз, каада-салтсыз жашоолору, биринчиден, жүрүш-туруш эрежелеринде баш аламандыкты пайда кылат, экинчиден, улуттук татымдык өзгөчөлөнгөн белгилерибизден ажыратат, үчүнчүдөн, оң таасир берүүчү сапаттар унутулат. Төртүнчүдөн, элдин кусурун, сөөлөттөрүн качырат.
Ошондуктан, бабалар баскан кан жолдору, күрөш жолдору, жеңиш жолдору кийинкилерге эстен кеткис эстелик болуп калуулары тийиш.
Тап тешик – элдик ырым-жырым. Кайнап жаткан казандын түбү ийне көзүндөй болуп тешилип калса, ундан же талкандан түбүнө салып, «тап тешик» деп кайта-кайта айта турган. Албетте, мындай аракеттен бир натыйжа чыга турган.
ОЙ ЖОРУУ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫНАН
Ыктытканда: «Сен уурдап бирөөлөргө көргөзбөй тамак ичип-жеген турбайсыңбы?» – өңдүү сөздөрдү айтса, ал чочуп кетип, анын ыктытканы басылат» деген имиш бар.
Көзү тартканда. Айрымдарынын оң көзү тартат. Айрымдардын сол көзү тартат. Кээлери сол көзү тартканда, кээлери оң көзү тартканда сүйүнөт, же күйүнөт. «Көзүм эле тартат» – деп, тарткан көзүнүн алдына чөп жабыштырат. Бул өзүнчө ырым-жырымы болуп саналат.
Эти тартканда. Айрымдары муну жаңы кийим кийүүгө жорушат. Далысы тартканда, эринен токмок жейт деп да айтышат.
Муруну кычышканда. Мында да адамдардын ой-жоруулары бар. Кычышкан мурунун ушалап туруп: «Буюрса, эт жейм го, мурунум эле кычышат» – дейт. «Сенин мурунуң кычышып жатса, эт жейт турбайсыңбы?» – деп, мурду кычышкан адамды ишендирип да коюшат. Эрин тартканда да ушундай жорулат.
Таманы кычышканда. Мында жаңы бут кийим киет, же жөө басат. Бул ырымды жоруучу деле анын андай белгилерин оң тарапка жоруп айтат.
Алаканы кычышканда. Бул да жакшы ой-тилекке барып такалат. Демек, алаканы кычышкан адам акчатыйын алат, адими буюм-тайым кармайт, олжого батат өңдүү жагдайларга ырымдалат. Же жакшы адам менен саламдашат. Б. а., оң колу кычышса, ошентип, бирдеме кармайт. Сол колу кычышса, бирөөлөр колун берет ж. б.
Музоо чычкактап калса. Мунун да өзүнчө ырым-жырымы болгон. Чычкагын басат деген ишенимде анын куйругунун түбүнө кызыл жип, чүпүрөк байлаган. Төгүлгөн сүттү эки ийинге тийгизүү, балага кызамык чыкса, үйдү караңгылатып, шам күйгүзүү, үйдөн жылан сойлосо, ак чачуу, ун чачуу ж. б. да ички ишенимдердин катарына кирет.
Кылоо-кылоо торпогум – элдик ырым. Уй тууп, уузу саалат. Аны бышырып, адамдар ооз тийген соң, ууздан кашыктап, же сузгулап, чөмүчтөп алып келип, торпоктун башына, жамбашына тамызып:
«Кылоо-кылоо торпогум,
Алдыга бассаң бөрү жейт,
Артта калсаң ууру алат, Орто жерден чыкпай жүр» –деп ырымдайт. Бул кыргыз элинин мал чарбачылыгына жасаган мамилеси, боор эти менен тең көрүүсү болуп саналат.
Карышкырдын (бөрүнүн) чүкөсү. Жаш балдар бөрүжатыш болот. Ал – тери оорусу. Кандайдыр тери көөп быткылданып чыга калат. Ошол чакта байбичелер карышкырдын чүкөсүн эзип, этке ырымдап сүйкөйт. Же терисин жипке байлап, мойнуна тагат.
Карышкырдын тарамышы. Бирөөлөр бирөөлөргө доо алганын баамдап, көрүп-билип турса, ал көз көрүнө танып койсо, бирдемелерин уурдап алса, уурдаткан ошол эле карышкырдын тарамышын алган адамды: «Ушул тарамыштай катып кал, бүрүшүп-тырышып кал» – деп, отко салып күйгүзөт. Ошондо ууру адам тарамыштай тырышып калат деген ишеним бар.
Карышкырдын жүрөгү. Баамдоолордо жырткыч жаныбардын эң жүрөктүүсү ушул бөрү болуп саналат дешет. Ал мал-салга, ал турсун ачка көркоо (көрдү ачып өлүк жеген) адамдарга да кол салат. Тукумунун кунун кууйт имиш.
Демек, карышкыр аткандар, кармагандар, капканга түшүргөндөр анын терисин сыйрып, ичин жарат, өтүн алат, чүкөсүн омурат. Анан жүрөгүн алып (кээде чалачар пып отко кайсай коюп), тайгандарга, дөбөттөргө, бүр күттөргө таштайт. Алар да ушул бөрүдөй жүрөктүү бол сун деген ырым.
Туз жалатуу, нан тиштетүү. Бул – күнөөкөр адамдын актыгын же каралыгын билүү. Күнөөкөр келген адам өзүнүн актыгын билдирүү үчүн «Акмын» деп туз жалайт, тузга сиет, нан тиштейт. Эгер ал күнөөкөр болсо, тайсалдап, бул шартка моюн сунбайт. Анын тазалыгы, тактыгы ушундай ырымдар менен да аныкталат.
Карылардын батасы жана каргышы. Кыргыздар карыларды көптү көргөн-билген, заман оодарган, касиети артылган катары көрүшөт. «Карысы бардын – ырысы бар» – деп, ушул үчүн айтат.
Эл кайда көчөт. Кичине кызыл чаар коңуз жайында пайда болот. Ал жөргөлөп, анан учуп кете алат. Аны балдар кармап алып, алакандарына салып: «Эл кайда көчөт, эл кайда көчөт?» – деп сурашат. Коңуз бир тарапты карай жөргөлөйт. Аны көрүп: «Ии, и, эл ушул тарапты карай көчөт турбайбы?» деген балдардын ишеними элдин ырымы-жырымына жатат.
Күлүк болосуң. Илгери балдар майдын толук маалында жыңайлак жүрө турган. Ошондо жерде биттей кичине кызыл неме чуркап жүргөн болот. Ошону кармап, жылаңач таманга сүйкөгөн бала тызылдап чуркап кетет. Мында да күлүк болом го деген ишеним, ой жаралат. Бул да ырымжырымга кирет.
Сөөктүн (жиликтин) чучугун жебе. Бул – ата-энеде кайрымсыз болуп каласың дегени. Мында да ырым-жырым бар. Мал чарбачылыгын арка-бел туткан кыргыздарда, ал чучуктары өтө таттуу, ширелүү келет. Демек, бул ырым-жырымда балдар чоңдор менен талашпасын, ысапбычакты сактасын, муну карылар жесин, адеп-ыймандуу болсун сымал таалим-тарбия жатса керек.
Уйку жебе (эт), уйкучу болуп каласың. «Кыз бала кекиртек жебейт, жесең – күйөөгө жылаңач кетесиң», «Кыз бала бөйрөк жебейт», «Кыз бала шыйрак жебейт» дешкен. Моюн, шыйрак, бөйрөк эркек балдардын устукандары болуп саналат. Бул да эл арасында айтылып келе жаткан ырым экен. «Баштын таңдайын кыз балага берет, себеби саймачы болот», «Тилинин учун кыз бала жебейт, тилдүү болуп калат». «Жандыктын көзүн бөлүп жеши – көздөшүп жүрөлү дегени…» «Жандыктын башын жаактан ажыратып салбайт». Кулагын балдарга кесип берүү шарт; муздоону отко бышырып ооз тиймейин, канын итке бербейт, же жерге төкпөйт.
Коноктук табакка күң жилик, жетим арка тартпайт. Күң жиликти жана жумурду келин-кесектер жейт. «Шилини кыздар тарап жесе, чачы узун болот», «Кыз бала балык жебейт, бети чаар болуп калат, «Кыздар көк боор жебейт, көк бет болуп калат» деген да ишеним бар.
«Бирөөнүн тамагын эки жесе таз болот» – деп айтышкан. Чакаган адамга карата: «Май менен сүткө, жаңы сойгон этке» – деп айтышкан.
Алдыдан кара мышык чыгып, ал туура кесип өтсө – жол болбой калды, кайра тартуу керек болуп калды дейбиз. Же ал туура кеткен жолго таш ыргытып коёбуз.
Алдыдан жылан чыгып, ал туура кесип өтсө. «Түшүндө көрсөң кенч, өңүңдө көрсөң жанч» – деп, аны үчкө бөлүп, жолдун эки жагына көөмп койгон. Кийин экологиялык шартка байланыштуу уулуу кара чаар жыландан кымбат баалуу дары-дармек жасалгандыктан корукка алууда. Ак жыландар жакшылыкка жорулат.
Эрдин тиштеп алганда жакын адамдардын бирөө ачка жүргөн экен деп жоруйт. «Ким ачка жүрдү экен?» – деп кобуранат.
Наристе бала жол карайт. Мындай кез баланын эмгектеп, же там-туң басып жүргөн учуруна туш келет. Бирде эмгектеп, бирде баса калып жүрүп, алаасын өйдө көтөрүп, алысты карап калат. Анда: «Күткөн адамыбыз же жакындарыбыз келет турбайбы» дегенге жорушат.
Түндүктөн жөргөмүш желе тартып түшсө – мында алыс-жакындан конок келээрине жорулат. Чоң жөргөмүш болсо, чоң адам, кичинеси – бала-бакыра келээрине жорулат.
Оң бутуңду көтөрүп койчу. Баса элек, талпынып калган баланы өйдө алып, боюнда бар аялды көрсөтүп: «Кана, жеңең эркек төрөйбү, кыз төрөйбү, эркек төрөсө оң бутуңду көтөрчү, кыз төрөсө сол бутуңду көтөрчү» – дейт. Мында да баланын көтөргөн бутуна карата ишеним-ырым бар.
Идиш-аяк колдон түшсө – мында да жакшылыкка жорушат. Бирөөлөр шашып келатат дейт. Колдон бычак түшсө – эркек, кашык түшсө – аял келет экен деп жоруйбуз.
Ок аттоо – кандайдыр кокустуктан адамга ок жаңылса (мындайлар жоокерчиликте көп болот), же аялды кара басса, ал адамды таза, моралдык жактан туруктуу зайыптар атташкан. Андайлар табылса, алыс-жакынына карабай, ат токуп барып алдырган. Ошондо ок денеден чыккан, кара баскандар кыйналбай көз жарган деген ишенимдер айтылып келген.
Өлүү кыз. Илгери шарттуу түрдө кызга болочок эри күйөөлөп бара турган. Мына ошондой шартта, непада, колуктусу өлүп калса, анын бүткүл буюм-тайымдарын жыйып, ошол күйөө болуучуга карматкан.
Ок түйүп берүү. Турмушта ар кандай көрүнүштөр кездешет. Кайындуу кыз бар. Кайындала элек кыз бар. Кайынсыз кызды алам деп теминүүчү жигиттер кездешет. Андай шартта ага «тиемин» дечү тайманбас, аздаган кыздар да бар. Буга эң катуу жаза бар.
Ал – жоолукка ок түйүп, бири-бирине берүү. Өлөөр шерттин бири мына ушул болуп саналат.
Ыраазылыкта узатуу. Аялы өлүп, ашы-жыты берилген соң, күйөөнүн да башын ачуу керек. Ага бата жаңыртып берүүчү балдыздары, же ага тете жакындары болбосо, күйөөгө ат мингизет, тон кийгизет. «Ак жолуң ачылсын!» – деп кайын журту бата беришет. Бул «эми өзүнчө аял ала бергин» дегенди билдирет.
Эри өлүп, кошок кошкон ургаачылар – салттуулукту сактоосу.
Аялы өлүп, аялын кошкондор кездешпейт. Ал – чанданын чанда көрүнүшү.
Башына чөп сындыруу. Бул – тамаша ирээтиндеги ырым-жырым. Мисалы, көпкө келбей жүргөн, колунан чыкпай турган адамдардын күтүүсүз келип калышы, бирдеме бере коюшу өңдүү жоруктарын көргөн-билгендери: «Ой, башына чөп сындыралычы», «Сен да келет экенсиң ээ», «Сенин колуңан да бирдеме чыгат экен, ээ», «Түш көрдүңбү?», «Түшүңө биз кирдикпи?» ж. б. деп, чын эле кичине чөп сындырып, күлкү, оюн-чыны аралаш башына койгон…
Ай көрүү – бул жөрөлгө ырым-жырымдын бир түрү. Айдын жаңырышын көрөөрү менен ургаачылардын аны алкап, жүгүнүп коюш шарты бар. «Бала-бакыра, эл-журт аман-эсен болуп, аялдардын алдын бала бассын, артын мал бассын», «айдан аман чыгалы» – өңдүү бата-алкоолор айтылат.
Айдын туулушу – жан-жаныбарга төлгө. Эгер ай кырданып калса, ал айдын жан-жаныбар үчүн ачыктыгы, жаандын жаашы, ысык-суугу ойдогудай болушу.
Ай казан сымал асылып калса, өзүнө тынч, жан-жаныбарга, журтчулукка анча тынчы жоктугу. Күндүн көзү көрүнбөй, жаанчыл, бороон-чапкын болору. Жаанчыл, жут, суук, тумандуу келет. Албетте, бул – элдин баамдоолорунан өткөн далилсиз чындык.
Жаанды болтурбоо, же жаанды токтотуу үчүн түлөө берүү ушундай шарттардан улам пайда болгон.
Ай жаңыргандагы айтымдар:
«Жесирге – жемиш Сараңга – жут.
Жетимге – жеңиш. Ушакчыга – уу. Жөөгө – улоо,
Ак ниетке – туу,
Жалкоого – мээнет,
Бакылга – тар, Жалгызга – эрмек, Бапырга бай ай бол. Иштерманга – кут, Оомийин Алло акбар».
ТАБЫШМАКТУУ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР
Кыргыздарда ырым-жырымдардын ар кандай шартка байланыштуу аткара турган жагдайлары, адам карманып келүүчү белгилери бар. Мындай элдик ишенимдер ата-бабалардан бери айтылып, улам кийинки муундарга жетип, көпчүлүгү көңүлгө түйүү кудуретинен тайып барууда. Күндөлүк жашоо-тиричиликте, сапарга аттанууда, алыс жол жүрүүдө, жоокерчиликте ж. б. элибиз ич ара түрдүү ырым-жырымдарды сактап, аны бир нерсеге тогоп коюп, ошол ишенимдер аркылуу адам өзү бел байлап коюлары, арийне, көп кездешкен. Мисалы, минип сапарга аттанаар жылкыга, колундагы жолдошу камчыга, адамдарга, айбанаттарга, айлана-чөйрөгө байланыштуу карманып калган ишенимдер бизде көп болгон. Алыс сапар жол чегип жөнөөрдө атты токуп алсак, жүгөндүн ооздугун салганда, адатта, кээде ат оозун өйдөлөтө көтөрүп, оозун аңырдай ачып калат. Демек, ал – күлгөнү, жолдун болоору, сапар ойдогудай карыры, аман барыпкелүү катары жорулат. Камчы – алыс сапарда адамдын кан жолдошу («Колуңда жүрүп билинбейт, камчыдан башка жолдош жок» – макал). Аттанып жатып камчы колуңдан түшүп кетсе, илгери «камчымды алып бер» деп атказып жаткан адамдан өтүнүүчү эмес. Камчыңды өзүң түшүрүп жиберүүң – жамандыктан бир аз кабар бергендей белгиси. Аны аттан түшүп, өзүң алып, атыңа кайра мин. Памирдик жана афгандык (оогандык) кыргыздарда аттанаар алдында эң биринчи көзүнө кара карга урунса, же кан жолунан түлкү чыкканы жаман жышана болгон. Тескерисинче, карышкыр учураса – жакшы көрүнүш. Жолуңдан коён чыгып, кан жолду оңдон солго кесип өтсө, жакшылыктын белгиси, непада, солдон оңго карай чуркап өтсө, жамандыктын белгиси.
Памирдиктер төөнүн мурдун чүйүргөнүн – жамгыр жаай турганына, мышык өз таманы менен тумшугун кашыласа, ушул үйгө кудай конок келээрине, ошол үйгө түнөөрүнө ишеними болгон. Мисалы, ат куйругун чычайта көтөрсө, анда ал ат алыскы сапарга минилет. Ат куйругун эки капталы тарапка туурасынан шыйпаңдатса – анын ылаңга чалдыкканы. Ат куйругун өйдөтөн төмөн, тикесинен шыйпаңдатса, мында ат алыс минилгени, тер чачканы…
Адамдар да ишенимдеринин көбүн кайрадан баамынан өткөрүүгө кылдат келээри белгилүү дечи. Күтүүсүз чакап калса: «Майга-сүткө, жаңы сойгон этке» – деп тилейбиз. Азыр «спирт, аракка» дечүлөр бар. Муруну кычышса «Буюрса эт жеймин» – дейт. Таманы кычышса: «Жөө басат турбайынбы» – деп коёт. Аялдын далысы тартса, эринен токмок жеши ыктымал, сол көзү тартса – айрым пенделер сүйүнөт, оң көзү тартса, ыйлайм го дегени.
Жаңы журтка сыйын. Кыргыздар Ата Журт деп, аны туу катары карайт. Ал Мекенибиз, Ата Журт, конуш. Мунун жөнөкөй түшүндүрмөсү көчмөндүү турмуштагы боз үй тигилүү конуш тууралуу сөз баратат. Ошол отурган жай деп айтылат. Ага көчүп келген күнү майнан жасап, ыз чыгарат. Түлөө да кыла коёт. Б. а., ордубуз кут, балабакыра эсен-аман болсун, журтубуз майлуу-сүттүү болсун ж. б. сыйынуулар жеринен бар. Жыл сайын бир конушта, бир журтка көчүп келип, жайлоо ыракатын көрүү – атабаба салты. Өнүп-өскөн жер, өзүбүз үчүн ыйык сезилет.
Көп отуруунун белгиси катары сары журт болуп эскирет. Ал жерден көчүүгө туура келет. Башка журт которот. Ошондо эски журтка бирдеме-сирдемени калтырбай, аны көргөзбөй таза шыпырып кетет. Бул келерки жылда келебиз дегенди туюндурат. Ургаачылардын илээндиси ошол эски журттан көчкөндө баамдалган.
Агын сууга түкүрбө, булактын башына отурба. Ырымжырымдар – элибиздин адеби. Мына ушундай ыймандуу жолдор аркылуу Кыргыз ата жашап келген, өнүп-өскөн. Тарбиянын элдик ыкмасы уюткуланган.
Булардын ичинен Жаратканга жалбарып, жакшылыктын жышааны үчүн түлөө кылуубуз орчундуу мааниге туура келет. Табият каргышына алабы, же мыйзамченемби, кургакчылык көбүнчө болуп калат. Тескерисинче, күн көнөктөп, көз ачырбай турган учуру да кездешет.
Түлөө берүү – көбүнчө Алла Тааладан жаан тилөө, жан-жаныбарлардын тирилиги үчүн ырайымдуулугун алууга жолдугун жасоо. Адатта, топ эл жандыктары менен бир жерге сыйынууга шарттуу орунга барышат. Малды жапырт кыбыланы карап, Жараткандан суранат. Курмандык чалат.
Кутурган ит капса, ал иттин мээсине аралаштырып, талканга мыкчып берип кырк үйдүн казанынын кулагын тиштеткен.
Жылан, кара курт, бөй чакса, түкүргүчкө түкүртүп, тамагын күчтөп берген. Шоона жиптен мойнуна «мант» кылып байлаган. Ылаажы болсо чаккан жыландын өзүн отко тирүү кактаган.
Малы ылаңдуу болсо, мазарга жаки ата-бабанын, жаки атактуу кишинин бейитине түнөткөн.
Аял төрөбөсө, тууса да баласы токтобой жүрсө, кайын ата, кайын энесинин бейитине барып, мал союп түнөгөн. Мазарга барып, конуп-түнөп сыйынган. Кара кишинин кешигин жеп, батасын алган. Бейит башына барабыз деп бир нече жылга бейитке барып турган.
Ырым-жырым ырлары. Ырым – байыркы адамдардын эң алгачкы түшүнүгүнөн келип чыккан. Алар баатырларды казатка аттандырууда, же ууга чыгарарда, эгин сугарардын алдында, мал чарба иштеринде, жаңы жыл келгенде, биринчи ирет күн күркүрөп, жамгыр жааганда, күн жаабай кургакчылык болгон кездерде, күнүмдүк турмушта жасалчу. Ырым-жырым ырларына «Кылоо-кылоо», «Козу телүү», «Алас» ж.б. кирет.
Дыйканчылык кесибине байланыштуу ырымдарга мал союп, жер-сууга сыйынуу (түлөө кылуу), күн жайлап, жаан чакыруу кирген. Жаңы жыл келгенде – (Ноорузда) – көжө кайнатышып, аны кыдырып ичишчү. Кемпирлер арчаны күйгүзүп, үйдүн ичин кыдырата аластап:
«Алас, алас,
Ар балээден калас, Эски жыл кетти, Жаңы жыл келди.
Айдан аман,
Жылдан эсен чыгалы»,–деп уйкаштуу сөздөрдү айтып, ырымын кылышкан.
Кыргызда мергенчилердин мылтыгы менен антташуусу, ок аттоо, баласы токтобой жүргөн киши жаңы төрөлгөн баланы башка кишиге бактырып, андан «сатып алуу» өңдүү кылымдар бою аткарылып келген толуп жаткан ырымдар болгон.
Түрдүү оорулардан айыктыруу максатында иштелчү учуктоо, өпкө чабуу, баштан суу тегеретүү, көчөт отургузуу, дарым, куучулук, алдын айтуу, бадик айтуу өңдүү кыргыздын эмдөө ырымдары болуп, эл ошолорго ишенишкен.
Малга байланыштуу ырымдар.
Кыргыз элинин негизги кесиби мал чарбачылык болгондуктан, буга байланыштуу ырым-жырымдар да көп болгон. Мал чарбачылыгына байланыштуу ырымдардын дагы бири – «Кылоо-кылоо». Уй жаңы тууган кезде уузун бышырып, айылдагы кишилерди чакырып ооз тийгиздирет да, ууздан сузгуга сүзүп алып: «Миң уйдун башы бол» деген сөз айтып, сузгунун артын музоонун мандайына үч жолу тийгизип, «кылоо-кылоо» ырын айтышкан:
«Кылоо-кылоо торпогум, Камыш толгон карала
Калың уй бол торпогум».
Кыргыздар козусу өлгөн койго, кулуну өлгөн бээге, же музоосу өлгөн уйга башка козу, музоо жана кулун телишкен. Антпесе саан малдын сүтү байып кетиши же сүт тээп, желиндери бузулушу мүмкүн. Телиген козу, музоо же кулун чоочун энеге бат алынып кетсин деген ой менен бир кыйла ырымдар жасалып, тийиштүү сөздөр айтылган.
«Тшой, тшой, тшой… коюм, Өз балаңды жерисең, Өз башыңа көрүнсүн.
Тшой, тшой, тшой коюм, Каралды балаң жерисең, Как башыңа көрүнсүн».
Канаттуу айбанаттардын ыйыктары. Кыргыздардын бардык карыяга дейре канаттуулардын ичинен эзелтен бапестегендери, же жек көргөндөрү, акжолтою – кара жолтойлору, кол тийбестери, ыйыктары болгон. Канаттуулардан алп кара кушту, бүркүттү, ак кууну, үкүнү, куркулдайды, карлыгачты, торгойду, үпүптү, турнаны, күкүктү, кирпини, сагызганды, тоңкулдакты, чабалакейди, жарганатты, жылкычы кучкачты кол тийбес маанайда жактырышып, ыйык куштардай баалашкан, өлтүрбөгөн. Кайсы бир канаттуулар колго түшсө айрыкча жаш балдар шилекей алышып дос болушкан. Айрымдары жакшы маанайда уламыш чыгарышкан, ырымы-жырым көрүшкөн. Кээ бирлери кесептүү болот деп жактырышкан эмес.
Непадан мергенчи ак кууну аткан эмес. Үкүнү ыйык туткан. Үкү үчкө бөлүнөт: сасык үкү (үпү), бабырган, байылуу. Жапалак – өзүнчө, аны «тилек куш» дейт. Ал жерге жабышып жатып алат. Шыбак, кызыл от өңдүү чөптөрдүн түбүндө уялайт. Киши бир кадам калганча туруп, учуп кетпейт. Булардын ичинен байылуу «ыйык» деп айтылат. Ал жөнүндө эл ичинде уламыш бар. Кара жолдуу деп кузгунду, жылкычы кучкач чымчыгын жаман көрүшөт.
Ал эми айбанаттардын болсо, бөрүнү ак жолдуу деп баалашкан. Төө, аюуну, уйду, тоо текени, ылым санап кирпини, жыланды, аяп, жактырышкан. Кара жолдуу деп түлкүнү, кузгунду, аңырды эсептешкен.
Канаттуулардын сырын билгендерди мүнүшкөрлөр деп, айбанаттардын табын билгендерди, айрыкча күлүк таптагандарды саяпкер дешкен. Кыргыз табият менен жакындыгын ушундан билиңиз. Кыргыздардын түштүк аймагынан чыккан чөп акын деген адам 500дөй чөптүн түрүн айтып, ырга салган.
Кыргыздар табиятта жашап жүрүп, ай, күн тутулгандан, селден, көчкүдөн, чагылгандан, куюндан чочулашкан. Жер титиресе чоң алаамат деп жорушкан.
Эгерде кыргыздардын кийик-тотем, үкү-тотем жөнүн дөгү көз караштары Борбордук Азия жана Казакстан элдеринен өзүнүн аналогиясын тапса, карышкыр менен ит-тотем жөнүндөгү көз караштары окшош, ал эми бугутотем, бүркүт-тотем – Сибирь элдеринин диний ишенимдеринен өз аналогиясын табат. Бул фактылар болсо кыргыз элинин түзүлүшүнүн өтө татаал экендигине, алар өтө кеңири мейкиндикте жашап келгендигине күбө боло алат.
Кыргыздардын жакшы көргөн жана ырым санаган эсеп сандары: 1, 2, 3, 4, 7, 9, 14, 18, 32, 40, 80, 90, 99.
КААДА-САЛТТАР
Кыргыздар эзелтен дүйнө таанымын салт аркылуу элге жайылтып, нечен кылымдан бери жашап келген. Ата-бабанын эзелтен келаткан көөнөрбөс мурасын атадан балага, кийинкилерге алып өтүп жана жөрөлгөлөрдү асырап, кармалап өткөрүп берүү – салттуулукту түшүнгөнд өрдүн вазийпасы.
Кыргыздар каада-салтка бай эл. Беш жүздөн ашуун элдик салттары бар. Муну дүйнө элдердин жазма тарыхынан да билүүгө болот. Айрыкча кыргыздардын оозеки чыгармачылыгынан, эпосторунан, санжыраларынан жана калыптанып калган жашоо тиричилигинен байкалат.
Кыргыздардын ар бир салтанаты эр сайыш, жамбы атыш, ат чабыш, улак тартыш, оодарыш, күрөш, аркан тартыш, тыйын эңиш, ордо, кыз куумай, ак чөлмөк, жоолук таштамай, жашынмак, дүмпүлдөк, тогуз коргол ж.у.с. элдик оюндар менен коштолгон. Чикит, ала күчүк же мышык-чычкан өңдүү балдардын оюндары болгон.
Кыргыздардын байыртадан келе жаткан карыларды жана улууларды урматтоо, өлгөндөрдүн арбагын сыйлап куран окутуу, ашар ыкмасы менен өз ара жардамдашуу, меймандостук өңдүү каада-салттары элибиздин материалдык жана руханий турмушунун деңгээлине жараша сакталып, өнүгүп келген.
Элдик каада-салттар бала төрөлгөндө, жаштар үйлөнгөндө, элдик жана диний майрамдарда кеңири көрүнгөн. Жентек той, сүннөт той (эркек баланы отургузуу), тушоо кесүү, коңшуну өрүлүктөө, кызга калың төлөө, сеп камдоо, кийит кийгизүү, шерине берүү өңдүү каада-салттарды элдин бардык социалдык катмарлары өздөрүнүн дараметине, мүмкүнчүлүгүнө жараша кармоого аракет жасашкан.
Жаңы жыл майрамы Оруздаманы кыргыздар өзгөчө шаан-шөкөт менен өткөрүшкөн. 21-мартка туура келген бул майрамда адамдар бири-бирине эң жакшы каалоо-тилектерин айтышкан. Бул күнү касташкандар, урушкандар бирин бири кечирип жарашышкан. Эл чогулуп арпадан же буудайдан чоң көжө же сүмөлөк кайнатышкан. Бул күнгө сактаган сүрлөрүн бышырып, сыйлуу конокторун тосушкан.
Мусулман динин туткан бөлөк элдер сыяктуу эле кыргыздар Орозо айт жана Курман айт майрамдарын бардык жөрөлгөлөрү менен тосушкан.
Кыргыздар адам өлгөндө аны акыркы сапарга узатууга байланыштуу каада-салттарды өзгөчө катуу сакташкан. Маркумдун кара ашын өкөрүү, жаназа окутуу, доорон берүү, жыртыш таратуу, топурак салууга келген адамдарды тамактандыруу үчүн бодо мал союу салты сакталган. Өлгөн адамдын байлыгына, коомдогу ээлеген ордуна, кадыр-баркына жараша ондогон, айрым учурларда жүздөгөн мал союлган. Маркумдун тирүү кезиндеги жашоосун, эмгегин даңазалаган кошок кошуу өнөрү өнүгүп, өтө мазмундуулугу жана эмоционалдуулугу менен айырмаланган.
Каада-салттар лирикалык, эмгек жана турмуштук ырлар менен коштолгон. Сармерденден айтышуу, ыр кесе өңдүү көңүлдүү кечелер өткөрүлүп, анда элдик таланттар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ырчылык жана комузчулук өнөрү муундан-муунга өтүп өркүндөй берген.
Кош эмес, куш келипсиздер! Бул – адам тагдырынын белгиси катары туюнтулат. Келе жаткан мейманга карата жадырай-жайнай айтылат. Мунун бир нече мааниси бар: Таалай, бакыт, тагдырдын белгиси, символу.
Келинчек, колукту, үй куту катары да билинет. Мисалы: «Куш бооң бек болсун!» Жубан, зайып, келин ж.б. белгиси, б.а., көңүл кушун кошуусу, ага арзуусу болуп эсептелет. Пейил, ниет маанисин билдирет. «Сенин аруу ниетиңе кушум түштү». Мында эңсөөнү айтып турат.
Конок күтүү. Кыргыздардын байыртан келаткан кең пейил мүнөзүнө жарашкан, нарктуу салты. Дасторконун жайып, колундагысын аянбай, каткан тамак-ашын чыгарып, конокту ыраазы кылып узатыш үй ээсинин милдети болгон. Бейтааныш инсан болсо да сый-урмат көрсөтүп, намыстанып, ата-тегине, уругуна, элине сөз тийип калгандан чочулап сый көрсөтүшөт.
Бир келип кеткен бейтаанышка жадырап-жайнап, үйүнөн даам ооз тийгизип, жолоочуга аш оокатын берип, анын батасы тийсин деп, эч нерсе сурабай, кайра узатып жиберүүнү ар бир кыргыз билген. Алдын ала айттырып келген сыйлуу конок келсе, окчундан жолун тосуп салам айтып, атын алып отко коюп, малын союп конок күтөт. Жайыл дасторкондо конок жайылып, жазылып, көңүлү куунак узаса үй ээси келген конокко ыразы болуп, өзүн бактылуу сезген, маашырканып калган.
Коноктордун аталышы. Кыргыздар конокту бир канча түрдүү, ага ошол даражасы боюнча күткөн. Кыргызда: сый конок, уяттуу мейман, азиз мейман, улук мейман, кудайы конок, милдеттүү конок, ач калып, кеч калган конок, жолоочу, аш үстүнөн чыгуучу ж.б. сөздөр менен атап, ал коноктордун күтүлүү жайын белгилеген.
Сый конок, улуу конок дегендер атайын чакырган коноктор болуп, алардын барым-келим байланышына карай союшка бата кылдырган. Мында өтө сыйлуу конокко тай союшуна бата кылдырган. Андан соң өз жарак, жагдайына карай кой жана башка жандыктарга бата кылдырган.
Кудайы конок дегенде, кудайдын буйругу менен келип калган конокторго каратылган. Мындай коноктордун санына, кадыр-баркына карай күтүп, союшуна бата кылдырышкан.
Милдетүү конок дегенде, той-ашка келген конокту ошол айыл, же анын туугандары милдеттүү конок алып күтүнүшкөн. Мында үч кишиге бир козу, беш киши болсо токту, жети кишиден көп болсо (он эки кишиден ашырбайт), чоң кой союшка бата кылдырган.
Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү. Бул эч бир дүйнө жүзүндөгү элдерде болбогон айырмачылыктар.
Таанышсыз меймандын кайдан келгенин, кайда баратканын суроочу эмес. Ал кудай конокту жетине албай кабыл алуучу. Аттанарда гана: «Ат сурашуу ызааттан, сөз сурашуу сүнөттөн» – деп, ал тууралуу билип калуу парзыбыз. Же мейман өзү жөн-жайын айтып кетүүчү.
Тааныбаган бир келген конокту сыйлоо үчүн кой-козу, эчки-улак союп коноктоосу. Бизде бирөөлөрдү конок келсе кою жок, минип турган атына бата тилетиптир деген чындык сөз айтылууда.
Кыргыздар эч качан ак (сүт, айран, кымыз, сүзмө, курут, эжигей, чөбөгө) сатчу эмес. Аны жердин көгү-чөбү деп коюшкан.
Конок үйү (Мейман үйү). Кыргыздар конок күтүүнү баарынан улук көрүшкөн. Бар тамагын балдарына да бербей, үкөккө катып, аны кулпулап «уяттуу адамдардын алдына эмне коёбуз, конок айттырып келбейт» дешкен. «Конок келатат, биздин үйгө түшөт». Мына ушундай балдарынан өйдө сүйүнгөн элибиз заманында мейман үйүн атайын тиктирүүчү. Мурун отурушкан жерлерде жер үйүн салып да коюшкан. Конокту дароо ошого түшүргөн. Ошондо конок болот, уктайт, ошол үйдөн атказат.
Конок келди. Илгери көбүнчө бир урук, бир атанын балдары бир конуучу, кыштоолору жакын бир болуучу, аймакташ жашоочу. Күтүүсүз коноктор да анын түрпүн, үйдүн сырткы турпатын, конуш-короолорун баамдап барып түшүүчү. Түшкөн үйү конок камын көрүүчү. Мисалы, кой сойсо, айыл ичиндеги уландары, келин-кесектери жапырт кам көрүүчү. Бирөөсү койду алып келип, мейман алдына тартып, бата тилөөчү, экинчиси конок атын жайлачу, отунун бирөө жагып, күлүн бирөөсү чыгарып, ошол үйдүн тегерегинде кызуу кыймыл өкүм сүргөн. Айтор, ага-тууган, кошуна-колоңдору төрт тарабын шай кылып, бардыгын тындырап койчу.
Айыл аксакалдарын үй ээси чакырып алып, мейман жанына отургузуп… Санжыра сөзгө киришип… Алдыдагы даамга карашып… Бала-бакыралары меймандарды өзүлөрү эле ойдогудай тейлешкен.
Мында ардактуу табак – конок табагы. Аны чүйлүүлөп, алдына тартышкан. Ага айыл аксакалдары да кошулган. Калган этин айыл ичи жеген. Сорпо-шилеңдерин ичишкен. Бала-бакыралар арткан устукандарын көтөрүп, үйлөрүнө кетишкен. Эртеси дагы мейман келсе, ушул аракет кайрадан башталган. Ынтымак-ырысы бар мындай салт илгери аябай күчтүү өнүккөн. Айыл ичи өзүлөрү эле келип, эрөөн-төрөөнсүз кызмат кылышкан. Мурун кымыз, бозо, самоор чайы, май токоч, боорсок, каймак, май дасторкон үстүн ээлеген.
Меймандын атын жайлоо (отко коюу). Адатта, мейманды аттан алаары менен атынын тизгинин ээрдин кашына каңтарат. Басмайылын бошотот. Меймандан: «Атыңызды качан отко коёбуз?» – деп сурайт. Тердеп келдиби, жай бастырып келдиби, суутуу керекпи, «Талаш отко коебу», «Таң ашырып коёбу» үй ээси билиши зарыл. Мына ошого жараша меймандын көңүлү жайланат. Атты таң ашырууда демин басары менен бир аз чөп чалдыруубуз тийиш. Таң ашыруучу атты жайдактап, жалына тизгинди каңтара байлап коюш керек.
Устукан тартуу. Кыргыздардын дасторкону мал союп, табак тартуудан бөтөнчө айырмаланат. Бирок келген конокко жандык союу, жарпын жазып коноктоо – биздин элге гана таандык касиет. Ар бир жиликти бузуу, устукандоонун бабалардан келе жаткан салттуу жол-жоболору бар. Кандай болсо да, табакка түшкөн жандыктын устуканын экиге тең бөлүүчү эмес. Бир табакта он адам отурса да, устукан бүтүн келет да, аны улуулата алып, ошону отургандар бөлүп жешчү. Айрым аймакта аш-тойлордо, түлөөлөрдө ж.б. тамак берүүдө, антип жиликти, далыны, жамбашты чаап, этин эки тарапка чыгарып коюу кийинки чактары пайда болгону көрүнөт. Ыйык жилик – каржилик. Анда чучук да жок. Бул башка элдердин таасири, таалими…
Эгер тээ бабалардан бери келе жаткан рухий байлыктардан баш тартып, чет-жакалардын бизге серт, сылаңкороз сырткы келбети жана ички дүйнөсүнө дүүлүгүп, өз элинин мүнөзүн, жүрүш-турушун, үрп-адатын, каадасалтын, тилин, билимин, дилин, өнөрүн, тамак-ашын, ошондой эле таң-тамашаларын, оюн-зоокторун отоп-бутап жиберсе, түбүнөн зилдеген чынар теректей болору бышык. Абалы анын жалбырактары күбүлөт, чүрүшөт, соолуйт. Андан соң эч ким бүрдөтө, көгөртө албайт. Шыпаа болуучу айла табылбайт. Ал бир жоголсо, табылбас курч бычактын алтын сабы. Азыр оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө улуттук дөөлөттөрүбүздүн аянычтуу тагдыры мурун болуп көрбөгөндөй айлана-чөйрөдөн баамдалып, замана тарып барат. Бул Кыргыз атанын ар-намысына, канына, андан ары жашоо-тиричилигине камчы ойнотууга барабар.
Элдик кесиптин ээлери. Кыргыздарда атам замандан бери тарыхый-социалдык, коомдун өнүгүшүнө, жашоотиричилигине жараша калк арасынан ар кандай кесипти улаган адамдар жашаган. Мисалга алсак, дастанчылар, акындар, чечендер, сынчылар, санжырачылар, саяпкерлер, мүнүшкөрлөр, табыптар, көзү ачыктар, бүбү-эмчилер, бал ачуучулар, түш жоручулар, эсепчилер, жылдыз төлгөчүлөр, дуба окугандар, далы көргөндөр ж.б. Ушулардын өнөрүнө, эмгегине, талантына, акыл-парасатына, билермандыгына жараша кыргыздардын жашоо турмушу, каада-салты улана берген.
Салам айтуу (кол берүү). Кутмандуу элибиздин үрпадатына, салт-санааларында эч бир мыйзамченем аркылуу эмес, атадан-балага калыптанган жөрөлгөлөр боюнча айныксыз чындыкта келе жаткан жакшы белгилердин бири – салам айтуу, кол берүү. Мында улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо наркы бар.
Илгери кутмандуу кыргыз элинде атчан жөөгө абалы салам айтуучу да, улуусуна болсо түшө калып, кол берүүчү. Ал ыраазычылыгын билдирүүчү, ыракматын айтып, алкап да жиберүүчү.
Азыр айрымдар ат үстүнөн салам айтаарын айтат. Аты менен омуроолотуп, кол сунат. Жөөчөн андан жалтайлап качып турат. Илгери бала-бакырадан бетер айыл аралап чаап жүрүү жигиттерге, чоң кишилерге абдан эрөөн эле. Көйрөңдүктү билгизүүчү. Атчандар уй мүйүз тартып отурган көпчүлүктү көргөндө атынан оолак түшүп, камчысын сүйрөй келип, улуусу отурган жерден оңго карай, анан солдон баштап, ошол биринчи салам берген карыяга кайра кайрылып амандыгын сурап, анан көчүк басуучу. Азыр көрүп-билип жүрөбүз. Аты менен сүзө качырып келип, аттан түшпөй тургандар, кичине бирдеме «сеп» этсе, отургандарды жадаткан эргулдар бар. Эки атчан жол жүрүп келе жатышса, жолукканда күн чыгыш тараптагысы салам берүүчү. Ат үстүнөн бири-бирине кол сунуучу, албетте, кичүүсү биринчи кол берүүчү. Азыр тааныш эместер үн катпай өтүшөт. Кыргыз касиетин качырып, тааныш эмес карыларга салам берүү салты тыйылды. Ушунун арты улууларга көпчүлүк жерде орун бошотуу, алардын карылыгын сыйлоо, боорукердик сезимин тартуулоо… сыяктуу адептүүлүккө өтүү керек.
Сөз тыңдоо (сөзгө конок берүү). Алмадай башына айкөл «Манасты» бүт батырган Кыргыз ата сөздү сүйлөй да, уга да билген. Элибизде «куйма кулак» деген бар. Алар саймедирегендер, бирөөлөргө айткандарын дал өзүндөй жеткиргендер. Анын кебин дал өзүндөй кармап калгандар.
Күнү-таңы малдашын жазбай айтса да муюп уккандар. Демек, таңдайынан бал чачырата сүйлөгөн өнөр болсо, аны уга билүү андан да өткөн өнөр. Ушул эки өнөр эришаркак.
Жээн аяк, жээн табак. Бул – бодо союлган чоң тойлордо таяке-тайындарына барган жакын жээндери жээн аяк кармоо салты, өзүнүн жол-жоболору менен барып (акчатыйын, кийинчерээк бөтөлкө, кийит), таякелерине түшкөн малды (Чүйдө, Таласта) же атайын чүйлүүлөп тартылган табакты ырым менен той ортолоп, аяктап кармоо шарты.
Кошумча (ыража). Бул – жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар кими алына жараша (акча, мал, кийит, эгин-тегин, чөп-чар, отун-суу) жай айтат. Берешен элибиз ортодон белгилүү бир өлчөмдө акча-тыйын чыгарат, же биригишип мал соёт. Ал шарттуу түрдө болот. Бул «ыража» деп да айтылат. Айыл арасында, же тууган ичинде жону жукалардын (кедей-кембагалдардын) башына жаманчылык түшсө (көбүнчө өлүм-житим), бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ага өмөчөктөп жардам берүү, жеңилин жерден, оорун колдон алуу касиеттүү биздин элде кездешет. Колунда бар жакын тууган-уруктары, куда-сөөктөрү тартынышпайт.
Күлүктү токуу. Чоң чабыштарга кошууда чубатуудан соң, аттын үртүгүн алат. Эми ээрди жеңилдете токууда, аттын башын күн чыгышты каратат. Саяпкер өзү токуйт, Ат-Башы, Нарын, Көл тарапта күлүктү жайдак минип чаппаган. Ошол тапта күлүктүн алдынан адам, айбан баспоосу тийиш. Байкоосуздан баскандар кайра артына тартуучу. Бул – эбактан калган расминин негизги мазмуну «күлүктүн алды торолбосун, биринчи чыгып келсин» дегени. Күлүккө бата берүүдө да, анын алдында эч жан турбашы керек.
Ат байгеден келсин. Адатта, ат чабышта, аты чыккандан эл соогат сурайт. Бул чыккан аттын байгесинен бөлүштүрүп берүүсү. Ага алуучулар ыраазы болуусу. Эми чыккан аттын даңазасы үчүн соогаттан башка ат ээсинен жана саяпкерден «Ат байгеден келсин» деген салтыбыз бар. Т.а., эми күлүктүн өзүнүн чуркашын, атак-даңкын майлоосу керек. Буга сөзсүз моюн сунулат да, мал союлат, дасторкон жайылат. Төрдөн карылар орун алышат. Баталарын беришет.
Туз татуу. «Бир туз таткан жериңе, миң курдай салам бер», «Тузум урсун», «Тузума койдум», «Тузун таткам» ж.б. Кыргыз эли туздун касиетин жогору коюусу. Тузу жок – тузу кемдиги. Антташууда, араздашууда туз татышкан. Туз, нан аркылуу убада болуусу же каргышка калуусу. Анын ыйыктыгын жогору баалашуусу…
Ат үстүндө саламдашуу. Бул – теңаталык, укугу, даражасы бирдейлик. Ал жосун, адатта, жогору даражадагы улуктарга, бектерге, болуш-бийлерге, кандарга, манаптарга, бир өзүнө өзү тең келүүчүлөргө карата өзүлөрүнүн баркын-даражасын ичтен сыноо. Алар бири-бирине салабаттуу адам катары ат үстүндө аттан түшпөй саламдашуусу.
Топурак буюруу. Кыргыз эли – баатыр эл, жоокер эл. Беш түлүктү арбын асырап, адыр-белестерди бөктөрүлөп, тоо-таштарды, муз төрлөрдү мекендеп, булуттарга жакын жерлерден түнөк алган эл. Жоолордон өзүлөрүн сакташка аттарын каңтарып, чылбырын баса жатып, бүкүлүү куш уйкудагы эл. Кокус андайда шейит кетсе, сөөгүн калтырбаган. Киндик кан тамган жерге жеткирүү салты болгон. Баатырлардын, казатта шейиттердин этин шылып, сөөгүн жаназык куюучу чаначка салып, жерине жеткирүү – бийик ар-намыс. Кастарлап көөмп, коргон, күмбөз салдыруу расими бар болгон. Бул – өз элинин жеринен топурак буюр уусу.
Кыргыз каада-салттары. Ай көрүү, азан чакыруу, аксарбашыл, актык берүү, аластоо, алдыга түшүү, алик алуу, алым-сабак, ант, аркан тосуу, арча түтөтүү, аталага баш салуу, ашар, баабедин, бал ачуу, баштануу, жоро, жүгүнүү, жыртыш берүү, келинди отко киргизүү, келин алуу, көрүндүк берүү, көчүү каада-салты, куш салуу, күйөөлөө, моюнга кур салуу, чара көтөрүп келүү, бейит тегеренмей, алка кур, чал жыгар, айгыр жыгар, ат көкүлүн, куйругун кыркуу, ат таптоо, ат укмай, ак чачуу, ак уруу, кыз таңар, күйө таңар (бут басты), баш уруу, белге тасма чалуу, бертик суроо, бешик той, бойтумар, катынга ок аттатуу, кылычтын мизин аттатуу, бөчөк берүү, төлгө салуу (төлгө тартуу), бугунун ооз чайкоосу, бул жайды бурак ат, даек карматуу, далы күйгүзүү, далы ачуу, дамбыр таш, жентек, жеңкетай, куш салуу, күбөлүккө жүрүү, кар таштоо, кара торпок, карасан алуу, каркыт, кардал түшүү, дармекчи, жайчы, дарымчы, доор аяк, ажыраш аяк, ант аяк, аттанар аяк, бата аяк, ит аяк аттоо, дооран берүү, доорончу, дуба окуу, жадаа окуу, жайташ (же кара таш уруу), дасторкон салыш, жан баштык, жарамазан айтуу, жар көрүшүү, жебелге жабуу, жети нан, жүз көрүшүү, жүк жыюу, жүк санар (жүк көрмөй), жыгач түшүрүү, жээн аяк, зоор ичүү, зыйнатка олтуруу, зыйнат ат (бурак ат), зыярат кылуу, ит тартыш, казап алуу, кара аш, камчы карматуу, кар таштоо, аш, кара аш, кызга каргал түшүрүү, каркыт, кебез байлоо, келеңкер куу, кеңеш аяк, кыл кыркма, кешик, кол кесим, кешик түп, кийит, кошумча кошуу, күйөө таңуу, жүрөк мончок, көк өгүз, көчөт көчүрүү, бир ууч сөөк берүү, кудайы, кулачы булак, кулдук уруу, куржун сөгүү, алка кур, алка куучу, күйө баштык, кыз куудуруу, кыз узатуу, кыз оюн, кыз ойнотоор, өлүү кыз, жээн табак, жээндик, тырмак алдыруу, чач алдыруу, кыркын чыгаруу, кырк көйнөк, кырк челпек, кыз алакачуу, кыз-жигит айтышы, баш таңуу, кыса айтуу, жүрөк мончок тагуу, музоо телүү, мүрзө байге, мүчө берүү, мүчөл жаш, мүшөктө, өбөлгө берүү, мылтык аттабоо, навайыл жасоо, садага берүү, садага кагуу, нике кыюу, никенин суусун татуу, аксарбашыл оозануу, оруздама даярдоо, от алуу, отко киргизүү, отко май салуу, очок башыга чыгаруу, мүнөз тамак, өпкө чабуу, бата тою, эр сайышуу, ат салыш, жорго салыш, сартараш (чач алуу), айлануу, жетилик, сөйкө салуу, сөөк берүү, суу чачуу, сүйдүмгө салуу, сырыктоо, сүт акы, сыйлык куш, сырга салуу, айтамга, аркан тартыш, бейит тегеретүү, таз сүзүштүрүү, чеч табак, төө чечтирмей, ташкордо, териге алуу, шакек тиштемей, ок тиштемей, тогузак, төлгө салуу, төркүлөө, төрөлүк, төшөк түшөдү, төшөк салар, төшөк басар, тувай, тул көрбайге (кемеге байге), жөө байге, тушоо кесүү, түлөө берүү, түндүк көтөрүү, түш жоруу, тырмак алдыруу, турнак салуу, ай туякка айтуу, угузуу, уйкулук, ун-элчек, учуктоо, устун көтөрүү, учуктоо, үй көтөрүү, ак үйлүү, үкү тагынуу, үлүш үмүтөтүү, үркүн, үчүлүк, чачыла, чеч байлоо, өпкө чабуу, этек жыртыш, өпкө как, чокон атуу, шерине, чың аттуу, чымбыр боо, чылбыр чайноо, шектик, шилекей алышуу, ынтымак-ырашкер кошуу, ырчы аяк, ысырык кылуу, курмандык, шырылдаң, ысырыктоо, ырамазан, ыр кесе, элечек акы, эмчи, кичүү эне, теңге эңүү (тыйын эңүү), эр эңиш, эриш бузуу, эсил кайран, эшик басар, эшикчи (ак эшик), эшик ага, ээрге отургузуу ж.б.
Эн тамга. Бул байыркы салтанаттуу каада-салттардан. Ар бир уруунун өзүнчө эн белгилери – башкалар үчүн таанып билүүчү даражасын көрсөтүү. Эн тамгалары аркылуу аш-тойлорго баруусу. Чоң топторго катышуусу. Уруулар арасындагы чыр-чатактарга, элчилик иштерге жана башкаларга келүүсү. Алардын келе жатканы эн тамгаларынан өзүнөн өзү билинүүсү. Добулбас басып, сурнай тартып, керней үйлөтүп келип түшүүсү.
Эн тамга – ошол уруунун элдик белгиси. Бул айбанаттардын көбүнчө, канаттуулардын сөлөкөттөрүнө түспөлдөш болот. Себеп дегенде, абалтан кыргыздар буларга сыйынуучу.
Түлөө кылуу. Кудайга, арбактарга, жер-суунун ээсине арнап мал союу. Же бир кырсыктан аман калганда, же катуу сыркоолоп айыкканда, же жаман түш көргөндө кыргыз баласы атап мал сойгон. Ошол союлган малдын этине айылдаштарды чакырып эт жедирген, алардын батасын алган. Кыргыз жашы тилекти жараткан кудайдан, атабабанын арбагынан тилеген. Ошолордон жардам сураган. Бул – байыркы замандан бери келе жаткан ырым.
Чөп жашыруу. Бул – жөнөкөй калыстык мамиле жасоонун бир түрү. Эгер эки адамдын ортосунда чакан маселе болуп, ал чечилбей жатса, оюн-чындан «анда чөп жашырышалы» дешет. Чөптөн сындырып (кээде тал ширеңке, жыгачтын сыныгы ж.б. заттар деле жарай берет), эки колду аркасына алып, чөптү колдун бирөөнө калтырып, эки колду жуумп сунуп, чөп жашырышканына «таап ал» дегендей ишаратты берет. Колун ачат. Тапса – жеңди, таппаса – жеңилди. Албетте, андай арзан жолдогу калыстыкка элибиз дароо моюн сунчу.
Мурут-сакал койдуруу. Жигиттердин мурут койдуруусу, ал – көрк. Төтөн, чап жаактарга коюу мурут шаптай көрүнөт. Ал шыңга бойго ого бетер жарашык берет. Ошон үчүн жаштардын мурут койдуруп, аны өз учурунда тегиздеп алып туруулары жалпы келбетти ого бетер шаңдуу, кайраттуу көрсөтүп, эр-жигиттердин касиеттүү белгилери болуп саналат. Жаш келгенде мурут-сакал койдурбай жүрсөк, айрымдар: «Ушу күнгө чейин мурут, сакалы жок боз кемпир болуп жүрөт»,– дешет. Ал да туура, өтө суйдаң мурутчандар, сакалчандар бар. Андайларды көсөө дейт. Алардын койдурган мурут-сакалдары анча жарашык бербейт. Көпчүлүгүбүз эр ортонунан ашканда каада-салттап абалы муруттуу болсок, аны чыйралтып турсак, алтымыштан ашканда сакалыбызды сыласак, кепич-маасы кийип, ыктымал болсо намазга жыгылып, кийинкилерге үлгү берсек дейбиз. Анын баары эле ойдогудай эмес. Сырткы көрүнүшүнө карап, мурут-сакалдарды бир нечелерге бөлүп айтышат: «Шиш мурут», «шаа мурут», «мышык мурут», «калкан мурут», «теке сакал», «кереге сакал», «батек сакал», «көкүрөк сакал», «суйдаң сакал», «чокчо сакал» өңдүү түрлөрүн оюн-чыны уга коюп жүрөбүз. Анткени менен андайга эч ким терикпейт. Ар ким өз абийирибизди сактообуз зарыл. Колдо бар мүмкүнчүлүктү аркалап, «пайгамбар барга назыр» деп, арткылардан айырмаланып куучуңдабай, карылыкка моюн сунуу парызыбыз бар. Мезгилиң келгенде «Сенин мурут-сакалдарың өтө суйдаң тура, жарашыгы жок, койдурбай эле койгун» – деп эч ким деле бири-бирин күнөө койбосо керек.
Негизи, «ата сакал ээгине бүткөнү», «өз сакалымды өзүм сыйлайын», «ак сакалды урматта», «сакалдуу жоого түшөбү», «табакты сакалдуулап тарт», «сакалдуулап чакыр», «сакалдуу кишини», «сакалын сүйрөп келсе», «ошондой сакалдуу адамдар» сымал ичине накылды да, адепти да, абийирди да данакердеп турган туюнтмалар кыргыз атанын беделине доо кетирип көргөн эмес.
Тереңдик – тайкылыктын карама-каршысы. Бул – ар максатка тетик мамиледе болуучулук. Алды-артын так баамдоочулук. Даанышмандарга, кеменгерлерге, билермандарга, журт башчыларга, кол башчыларга таандык касиет. Өзүн сергек сезүүчүлүк. Билим, аң-сезим, адамдагы жекече сапат – ушул багыттагы жалпы тармактык түшүнүк. Тетик – бир адамдагы жекече касиет, сапат. Тетиктик – оң маанидеги, жалпы сапатка эгедерлик. Тереңдик – билими-илими, айлана-чөйрөгө көз карашы бай-байкубаттык.
Жыйыш – айылдагы кыз-келиндер чогулуп үйлөрүнөн тамак алып келишип чогуу жешет. Муну жыйыш деп айтышат.
Жип салуу – чогулуп өрмөк же таар согуп, же башка бир иштерди иштеп жатышкан учурда зайыптар кыздардын атынан бир оокаттуу үйгө ошол иштелип жаткан иштердин өөндөрүнөн, жиптеринен берип жиберишет. Үй ээси тамак даярдап жеткирет. Бул адаттарды эркектер да колдонушат.
Баш куттуктоо – бир киши катуу ооруп айыкса, же бир чоң мансапка жетишсе, анын куда, достору мал союп чакырып ат мингизет, же тон кийгизет. Муну баш куттуктоо деп айтат.
Өбүлгө – аш, тойлордо ким болсо да ырчылар мактап ырдаса ат, тон сыйгы берилет. Ал берүү «өбүлгө» деп айтылат.
Доонун бел болуусу – кандай болбосун бир доо көп жылга созулуп алынбай кетсе, ал доо бел болуп, доо жоюлат. Муну «доонун бел болуусу» дешет.
Чыбык кыркуу – зайыптардын баштары бийлердин алдында ачылган. Бийлер текшерип зайыптардын башын ачканда, башкача айтканда, ажыраштырганда, бий бир жаш чыбыктын эки башынан карматып туруп кырккан. Бул ажыраштыруу иши ушинтип чыбыгы кыркылып бүтүлгөн.
Шилекей алышуу. Бул – кыргыздардын байыртан бери келе жаткан жакшы салттарынын бири. Мында айбанаттар менен адамдардын ортосунда кыйышпас байланыштардан бара-бара «шилекей алышуу» – достошуу, асылкечтикте жүрүүгө, бирдемелерге зыянкеч болбой, пайдалуу жагын колдонууга үндөгөн. Мисалы, балдар балапан кармап алса, «Кой, сен муну кыйнаба, жүдөтпө, өлтүрбө, шилекейиңди анын оозуна түкүр, жугуз. Мунун да эне-атасы, туугануруктары бар. Аларга да убал. Аларга барып кошулсун» сыяктуу акыл-насааттар берип, учуруп жиберишкен. Бул – адамдын жаратылышка мамилеси, экологияны сактоо вазийпасы болуп эсептелет. Бизде «ынтымакташтар» «шилекей алышкандар» деп коюшат.
Бычак айыбын тартуу. Бул – ажат ачкан адамдын ыраазылыгын алуу. Жолдугун жасоого үндөшөт. Мисалы алсак, өлүм-житимде же башка бир орчундуу иш түшкөндө бирөөнүн семиз малы керек болуп жатканда, бирөө ошол зарылчылыкка жарап, малын берип, ордуна ошондой мал алган. Семиз мал бергендиги үчүн берки тарап ыраазычылык билдирип, акча сунган, жандык койгон. Ал «бычак айыбын тартты» болуп эсептелген. Бул жагынан касиеттүү элибиздин турмуштук жакшынакай жөрөлгөлөрү жеринен болуп келген. Боло бермекчи.
Улак алып келип таштоо. Бул – элдик оюндарга байланышкан каада-салттардын бир түрү. Мисалы, мында улак тартуучулар (көк бөрү тартуучулар) улакты марага таштоочу эмес. Мында улакчылар беттешип тартуу оюнду токтотуп, эми жайма (аламан) тартууга өткөндө бирөөсү ала качып жөнөйт. Калгандары артынан сүрдүгө кубалашкан. Ич ара мурунтан макулдашуу менен улакты бир үйгө (ал, албетте, бардар адамдардан) алып келип таштаган. Мында «улакты улакчылар баланчанын үйүнө алып келип ташташыптыр» деген айыл ичинде дүңү калган.
Үй эсси жетине албаган. Улакчылар жайланып, жалпак отуруп калышса, кадимкидей жандык сойгон. Бул салтты дагы улантабыз дешсе, ал үйдөн жолдугун алышат да, улакты алып чыгып, башка үйлөргө таштоолору да бар. Негизи тартылган улак бир жерде союлат. Көпчүлүктүн колу тийгендиктен «ырымдары катары» көпчүлүккө ооз тийдирүү парзы бар.
Бертик суроо. Бул – бели ноокастап (мертинип) калган адамды элдик табыпчылыкта эмдөө аракети. Илгери кыргыз эли жайдыр-кыштыр көбүнчө боз үйдө тургандыктан, келин-кесектер, бала-бакыралар өзү көрүнбөй туруп, сузгуну (чөмүчтү) эшиктен үйгө сунган. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнүшкөн. Өзүлөрүнө көргөзбөй сузгуга колунда барын салуучу. Көбүнчө ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт өңдүүлөр түшкөн. Бели мертингенге аны ошол турушу боюнча бышырып ичирген, жедирген. Албетте, ал ишеним боюнча мындан ооруган дартка даба болгон. Азыр деле айрымдары тигинден-мындан бирдеме суроочуларды «бертик сурагансып» деген өтмө мааниде сөз айтылат.
Ашар. Бул – биргелешип, бир жумуштун аягына чыгуу. Мисалы, үй салууда, дубалын көтөрүүдө, кышын коюуда, аны кыноодо, кош айдоодо, чөп чабууда, эгин оруп жыюуда. Үйдүн үстүн жабууда, шыбоодо, актоодо, сырдоодо, мал кыркууда элибиздин жапа тырмак жардамга келүүсү. Ал эми элдик көркөм өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк согууда, кереге көктөөдө жана башка чебер адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду, эмеректи бүтүрүү салты. Ал мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун-узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болгон. Алар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар, нускоочу байбичелер, куттуу карыялар үйрөнчүк төргө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Ашарга келгендерди үй ээси мал союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мындан ары мындай асыл салттарды өнүктүрүүбүз зарыл.
Саба бузуу. Бул – желе жаңы байлангандан кийинки эл-журтту түгөл чакырып, ууз кымыз берүү салты. Адатта, ага дейре сабадагы кымызды көрөңгөлөтөт. Көрөңгөл өтүү – кымызды жыйноо, ойдогудай ачытуу, ачыган арбын кымыздын үстүнө сүт куюп бышып туруу. Ашыгын чанач, көөкөр өңдүүлөргө куюп чогултуу. Үй ээси саба бузууда кымыздын ысылыгына деп, мал союлган. Санжыра чечилген. Ырчы-чоорчулар болуп, тамашалар өткөрүлгөн. Албетте, сындай жайыл дасторкон меймандостукту билдирген жөрөлгөлөр Кыргыз ата тукумунда гана сакталып келишине өзүбүз күбөбүз. Бул нарктуу салтты таштабоо зарыл.
Атайын кастарлап берүү. Мындай асылзааданын ошол урунууга, ошого ылайыктуу шарттуу экенин билдирүү. Андан бирдеме алууга үмүткөр экенин айтпай туюндуруу. Албетте, ыроолоп баруу – кабыл алган адам ага ыраазы экенин билдирүү. Тартуулаган адамга байлыгын, бардардыгын, жоомарттыгын, жөн билгилигин көрсөтүү. Мисалы, тартууга сынпос ээр-токум, жигит камчысы, эр кемери, чачпак, желбирөөч өңдүүлөр атка, тайга, торпокко, тайлакка, ирикке, кунан койго өтүшөт. Чоң байлар короосуна кой алып, өрүшүнө мал айдап беришчү. Мындай салтта адамдар биринин сырын бири билүүгө, ич ара жок нерсесине жардам алууга, ар нерсени пайдалануунун ылайыгы бардыгына көмөк көрсөтөт.
Кепил. Бул – башы кириптер турган адамды ажат ачып, анын керт башын ишенимдүү кишиси катары убактылуу куткарып туруу. Абактан-сурактан качып кетпөө үчүн баш чарасын эркиндикке чыгаруу.
Пендечиликте ар кандай шарттар ажат ачып, ага карата жасалган жакшылыктарга түкүргөндөр бар, же ага ишенбей кепил чыкпаган учурлар да болот. Ишенип, бири-бирин сыйлоо менен жашоо баарынан артык.
Кызыл козу. Бул – көбүнчө бодо малды чийкилей бир нече бөлүккө тепетең бөлүп алып, кийин козу (улак деле болот) берүү. «Кызыл козу» – курсактагы козу, кийин берсе – жандык. Адатта, жазда, күздө уй, жылкы, топоз өңдүүлөрдү кеңешип, баасын бычып (көбүнчө 12ге бөлүп), же жазда, согум эт түгөнгөн шартта бирөөнүн семиз малын атайын ошол учурга болжоп, көтөрмөлөп союу. Бала-бакырага жаш сорпо ичирүү. Этсиретпөө. Албетте, абалтан жакшы, эл ичинин ынтымагын арттырган мындай салттардын эмне залакасы бар. Муну улообуз зарыл.
Кызыл козуга эт алган адам үч курдай тердейт. Биринчи – жаш сорпо ичкен күнү, экинчи – кызыл козуну доолап келген күнү, үчүнчү – төрт азгы бар күрпөң козуну мааратып берген күнү деген чындык айтылат.
Өрүлүк. Бул – жакын көчүп келген үй-бүлөнүн жакыналысына карабай, куржун-кечеге тамак-аш (бышкан эт, каймак, май, боорсок, кымыз, бозо ж.б.), айрымдарына кездеме, мал, буюм-тайым (шырдак, туш кийиз, төшөк, кийит ж.б.) алып барып, жаңы конуштагы эшик-төрүн көрүү. Ал үй да жетине албай, бар оокатын аябай, кабыл алуусу. Жандык союп да коёт.
Айрым учурда өрүлүктөп барганга кайра кийим кийгизет. Эшик-төрүн көргөзөт. Сыр билги немелер бирибирин сыйлап турат. Кошуналар ырыстуу тамактарына тең орток. Конок келген үйдүн кадырлуу меймандарынын катарында отурат.
Мурда конуш алгандар кийин көчүп келүүчүлөргө, жаңы эл-журт, тууган болгондорго мал жетелеп келүүсү, аны союп коноктоосу же башка колунан келген сыйын көрсөтүүсү, чакырып мал союп, дасторкон белендеп урматтоосу, конок кылуусу. Тоолуктар көчүп-конуудагы, үйлөрүн тигип, малдарын жайлап алуудагы машакаттарда, жаан-чачындарда мурун орун алгандар ошол түйшүктөргө ортоктош кол кабыш кылышкан. Тамактантып, жайлантып, сыйлуу кошуна болорун көрсөткөн. Өрүлүк азыр да короо-жайлуу жана көп кабат үйгө киргенде да көрүлүп жаткан элибиздин мыкты салттарынан болуп саналат.
Ажыраш аяк. Бул – башка жерге көчүп кетүү алдында айылга тамак-аш берип, эл-журттан бата алуу. Ал ар кимдин алына жараша болот. Мында козу союп деле ажыраш аяк берет. «Коюу чайы» да жарай берет. Айрымдар жылкыны баш кылып соёт. Бозо кордолот, кымыз көрөңгөлөнөт. (Бозо, кымыз ала келүүчүлөр да бар). «Аш көп болсо, каада көп»,– деп шам-шум этүүчү, ардактуу тамактар үстөл үстүн ийилтет. Ал бир нече күнгө созулат. Айрым ажыраш аяк даңазага ээ болот. Жүгүн салышат. Кыйышпастар аны жерине жеткирет.
Мындан ынтымак курулат. Дос-тамыр күтүлөт. Илгери-кийин бири-бирине салам беришет. Дайыма айтып жүрүшөт. Келген эли-жерине ыраазычылыктарын билдиришет. Ажыраш аяк бергендерде бир урунтуктуу белги калат. «Беш киши чакырып, бата алганга жарабады», «Түн жамынып көчүп кетти», «Эл-жердин сыйын көрдү, бала-бакыралуу болду эле» өңдүү нааразылыктар да болот. Мунун себептери бар.
Чөп берүү, баткак берүү. Бул – там салып жаткандар бирөөлөрдүн балдарына ыроолоп, «там салып алгын» деп баткак берүүсү, чөп чаап, үйүп жаткандар «тайыңы бер» деп баласына кичине тутам чөп берүүсү, ырымдооыроолоо салты. Аны канжыгасына байлап коюу. Демек, баланын ата-энеси алардан кыя өтпөй үй салуучуларды, чөпчүлөрдү ыраазы кылуу. Айрымдары козусун, улагын союп, кымыз, бозосун же ошого тете башкаларын алып келип, аларга сый көрсөтүү, ыраазы кылуу же ошол замат акча-тыйын сунуп кутулуу.
Кээде чоңдор деле ушул ырым-жырымды колдонгон. Азыр бул өңдүүлөр жоголуп баратат. Жаштарыбыз билбей-туйбай калды. Мындай элдик жөрөлгөлөрдү унутпай, андан ары колдоно жүрүүбүз элибиздин сыйкордугун арттырат. Эл салтынын биримдигин сактайт.
Аркан тосуунун дагы бир салты. Адатта, арканды кыздын себин алып барганда тоссо, айрым аймактарда куда-сөөктөрдүн жөнөрүндө да арканды кайрадан тосот. Себеп дегенде мурун үйгө киргизбей, жолдугун жасоо үчүн болсо, эми «кетирбейбиз» деген шылтоо менен аркан тосуусу. Албетте, мында оюн-чынынан эле бирдеме өңдүрүп алуусу.
Жетелешүү. Бул – абалтан келе жаткан салт, адат. Удаа төрөлгөн бөбөктөрдүн биринин колун бири кармап, жетелешип басуулары, катар жүрүүлөрү. Ата-энелеринин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын буга үйрөтүү лөрү.
Бөбөктүү болууларынын жакшы жарашыгы, тойпоңдоп, экөө мыйтыйышкан колдорун кармашып баратышса, ичти жылытуучу учурду пайда кылуусу; бөбөктүү болуунун бир мыкты белгиси. Мындайда ага-ининин балдарын да бири-бири менен жетелештирип коюшат.
Алардын көбүнчө чоң энелери, чоң аталары багат эмеспи. Кийин «жетелешип өскөнбүз», «жетелешип калдык» деп айтуулары; Бир өскөн балдар кийин бири-бирине кайрымдуу, күйүмдүү болуусу.
Кулдугум бар. Бул – ызаат-адеп мамилелердин бири. Адилеттүүлүктү моюнга алуусу. «Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч» дегенди туюндурат. Адатта, бирдемеге жыгылууга, же күнөөлүүлөрдүн ордуна өкүл катары келгендерге мүнөздүү сөз. Мындай нарктуулукту эки элдин ич ара чатактарынан, күнөө кетирген тараптан угууга болот. Мисалы, эки жаш турмуш курууда, келин алган тараптын ыраазылыгын алууда атайы жол-жобосу менен барып түшүп: «Кулдугум бар» – деп, эки колун бооруна алып, эшиктен кечирим сурап кириши салт. Минткенде нарктуулукту кармап, төрдөн орун берет. Сурашкандан соң «куда болгуча ал-жайыңды сураш, куда болгон соң кул да болсо сыйлаш», «кулдугум бар» деген сөздүн тыянагы мына ушундайча чечилет.
Жашоо-тиричиликте сүйүү. Тирүүчүлүктө адамзат пендеси Алланы (жаратканды, теңирди, кудайымды, сүйүүнү) алгач эске алат. Анан энени, атаны сүйүү сезими өзүнөн өзү пайда болот. Бир туугандарды сүйүүгө, көз ачып көргөнү, эс тартканы эске келет. Кийин киндик кан тамган жер, ата-конуш, тууган-урукту, бара-бара улутун сүйүүгө өтөт.
Кыргызда: «Бала табылат, ата-эне табылбайт. Бир тууган табылбайт» деген сөз бар. Чынында, демек, кудайдын кудурети менен ата-эне балалуу болот. Бул мусулмандык ишенимге кирет.
Аяк алып ичээр – бул жашка карата айтылат. Мисалы, теңтуштардын бири экинчисинен бир ай, эки айбы, улуураак болсо, дасторкон үстүндө отурган чакта ал беркисинен мурунураак даамды алып ооз тийүүсү тийиш. Аяк – даам куюлган идиш. Аны мурун алып ичүү – улуулукту билдирүү. Муну сактоо – элдик адеп. «Сенден мурун төрөлгөн, ошондуктан биринчи бул ичсин» – деп, балдарды ата-энелер, улуулар тескеп турушкан. Кыргызда: «Бир көйнөк мурун жырткан» – деп да айтылат. Бул да улуулукту билдирет. «Бирин бири сыйласын» деген адеп, ыйман.
Жүз көрүшүү – учурашуу. Бул – саламдашуунун, кол берүүнүн бир түрү. Адатта, мусулманчылыкта эки колду кичүүсү улуусуна биринчи алакан жая сунуусу. Шабдандуу кол алышуусу. Кучакташып көрүшүүсү. Колунан, бетинен, оозунан өбүшүүсү, чыканактан кармашуусу. «Атсалоом алейкум», «Алейкума атсалам», «арбаңыз», «бар болуңуз», «эсен-аман жүрөсүзбү», «бала-бакыраңыз, мал-башыңыз эсенби», «калайык-калк тынчпы» сыяктуу сөздөр суроо-жооп катары айтылат. Бул адат «кол берүүгө» окшош болгону менен, мында өбүшүүлөрдө, ал-жайды сурашууларда бир аз айырмачылыктары билинет.
Жүз көрүшүү – жакын, асылкеч адамдардын зыйнаты. Бир колун чөнтөккө коюп, бир колун сунуу, баланын, атакыздын ооздон өбүшүүлөрү, деле дайыны жок өбүшүүлөр адамга аброй алып келбеген.
Чачпагын көтөрүү. Бул – эзелтен келе жаткан жакшы салт. Аттуу-баштуу адамдардын кадыр-баркын көтөрүүсү, (чачпак зайыптардын чачка тагуучу асем жасалгасы) өтмө мааниде «чачпагын көтөрүп келдим», «чачпагын көтөрүп» өңдүү айтылган. Жөнөкөйрөөк түшүндүргөндө, ошол урматтуу адамды ээрчий келгендер ал көргөн урмат-сыйын кошо көрүшүүсү. Анын мартабасын ого бетер арттыруусу. «Мен тим эле өзүнчө ээрчип келдим»,– деп тике айталбай, «Кадырмандын чачпагын көтөрүп келдим» деген сөздүн өзүндө зор туюнтма бар.
Кадыр тутуу. Бул – адамдардын өз ара баркын көтөрүшүүсү. Бири-бирин сыйлашуу дымагы. Кадыр-барк койгон адамдын айткандарын ылам дебей аткаруу сапаттары. Ошондой эле төтөн, кичүүлөрдүн таасирдүү адамды арка-бел байлоосу, аны менен кеп-кеңешип, айткандарын эп көрүүсү.
Мунун экинчи түшүнүгү – кадыр салуу. Ичтен өзүнүн баркын баалоо. «Ал аны кадырлайт», «Айтканын эки кылбайт», «Кадырын салып атып алган», «Менин кадыр туткан кишим», «Атайын кадырын салып барды эле», «Ошол кадыр-баркты билип коюптурбу», «Жакшылар жакынды өзүм, алысты жатым дебейт», «Өз баркын билгендер баарына бирдей болот». Ушундай түшүнүктөр аркылуу элибиздин баркка-наркка жете жүрүүдөгү даанышмандыгын туябыз.
Коңшу. Бул – үймө-үй жакын отуруу. Ойдо, тоодо, жакада, кай жерде болбо, кыргыздар бири-бирине ыкташып, бир конушташ, журтташ, короолош отурууну сүйүшкөн. Чакырышып, даам татышып, бирин бири эш тутушкан. Мындан «жакшы кошуналар, жарым ырыс», ич ара сыр билгилик келип чыккан. Ушундан улам кийин карымкатташ пайда болгон. Кошуналар түшкөн меймандарга, аш-тойлордо, өлүм-житимдерде, жеңилин жерден, оорун колдон алышып, кубаныч-кайгыларына ортоктош, буюрган насип түгөнгүчө ырыскылаш болушкан.
Коңшу акысынын мааниси: чакырса баруу керек, ооруса көңүлүн суроо керек, коңшу коңшудан бир нерсе сураса берүүсү керек, коңшу үйүндө болбосо үй-жайына баш-көз болуп туруусу керек. Ал эми коңшуда үч түрдүү жагдай бар. Коңшулук акы, мусулмандык акы, коңшу тууганга эсеп (эгер коңшу капыр болсо, анда да коңшулук акы бар).
Мисалы, бир конушта эки адам отурса, бирөөнүн үйүнө он жолу конок келсе, онду соёт, берки кошунасы бешти соёт, же сойбосо да ошол онуна ортоктош, образдуу айтканда, кошунасынын ала бакандагы этин көрүп турат. «Эки жакшы жайлоого чыкса, кудалашып түшөт. Эки жаман жайлоого чыкса, кубалашып түшөт» деген сөз мына ушундан калган.
Саан берүү (саан ичүү). Бул – колунда барлардын адатта, илгерки байлардын жардыларга, жатакчыларга, көп балалууларга саап ичүүгө музоолуу уй, козу-улактуу кой-эчки, кулундуу бээ бөлүп берүүлөрү. Аз береби, көп береби, ал адамдын байлыгына, марттыгына байланышкан. Саан ичүүчүлөр байларды, бардарларды жайлоодо, жакада тегеректей отурушкан. Анын малын багып, саанын саап, отун-суусун алышып, чөбүн чаап, эгинин оруп ж.б. кызматтарын кылып, ич ара эриш-аркактанышкан. Мындайраактар да сурап барышса, байлар илебин суутпай, саан айдаткан. Алар саан малдарды этинен түшүрбөй багып беришкен. Саанды кактай сааган катын-калачтарды «жез тырмак» деп да айтышкан.
Саан берүү – саан алып ичүү бири-бирине кайрымдуулук, ынтымак-ырысты билдирген. «О, кудай урган, битир, ошончо малы туруп, саан ичирбей коюптур». «Бей-бечараларды ачка» деп, бөлөк айылдарга, урук-урпактарга кеп-сөзгө калып, намысын ойготкон. Саан ичүүдө «Кедейлик кемтик эмес» дегендей, мунун эрөөн-төрөөнү анча билинбеген.
Кун (кун алуу, кун доолоо). Бул – киши колдуу болуп өлгөн адамдын эл-журтунун өлтүргөн адам тарапты доого жыгуусу. Эр өлтүрсө, эр куну дооланган. Ансыз алардын көксөөлөрү суубай, бири-бири менен жоолашууга, чабышууга дейре барышкан. Эр кунун төлөө ыгым-чыгымдын эң жогорку чеги болуп, буга урук, уруу бүтүндөй айыпка жыгылган. Аны ортодогу калыстар (бийлер) бычып, ыраазычылыктарын алышкан. «Эр өлтүргөн, эриш бузган» деген сөздүн мааниси – эрди эр өлтүрсө, эришти аялдар бузган дегендик. «Эриш бузду» дегени – аялдын эринен чыгыштык кылганы. «Эрдин куну жүз жылкы. Андан ары – миң жылкы».
Бул – айып тартуу, адам колдун шейит болгон үчүн мал төлөө. Кыргыздар малга кошуп, кыз да берген. Ошондо эки уруу даана элдешкен, ансыз алар «Кандуу моюн» атка кондуруп, ичте кектери сактала берген.
Мунун дагы бир түшүнүгү – «кун тартуу», «күнкөр болуу». Мындан сырткары, чоң кылмыш – никелүү аялды бузуп алуу, кайындуу кызды ала качуу, бул эриш бузуу болуп саналат.
Тартуу (тартуулоо). «Темене тартып төө алат» (макал). Атайын бир маанилүү нерсени, буюм-тайымды ж.б. алып барып берүүсү. Мисалы, чоң жоргону, аркалуу атты минүүсү, ага токулуучу ат жабдык бир гана ошого ылайыктуу сезилүүсү. Тартуунун артында үмүткөрдүк болот да, ал аны абдан ыраазы кылуусу. Шырдак, ала кийиз, күмүш жасалга, шалча, килем ж.б. аттык баага татуучу.
Алар тартуулап берүүгө ылайыкташкан.
Алдына түшүү. Бул – кетирген күнөөсүн моюнуна алуусу, «Жаңылдым-жаздым, күнөөмдү кечир» – деп жипти, камчысын, кемерин ж.б. моюнуна илип, жапа чеккендин маңдайына тизелей-чөгөлөй, колун бооруна алуусу. Өзү менен кошо калыс, сөз билги, таасирдүү адамдарды ээрчите келүүсү. Алдыга түшүүдөгү тарткан айыбын жетелей, айдай баруусу. Мындан сырткары үстүнө чепкен жабууга, акча-тыйын сунууга болот. «Алымбек алына жараша», «Алын көрүп, канын сор» – деп, ыдык көргөн адам анын ал-ахыбалын билет. Билип, аксактын амирине карайт. Эл алдында кечирет. Алдына түшкөнүнө ал өзү ак дилден ыраазы болот. Эл кечирет. Отургандар арам ой ичтеринде калбоолору үчүн кол алыштырат. Даам сыздырат, бата беришет. Албетте, ичте кек калбоо үчүн алдына түшүү керек. Бул адилдикти, ынтымакты бекемдейт.
Куну жок. Бул – бардар туруп, берекеси качкандар, дасторкону тар, казаны толо кайнабаган (куу казан), кирди-чыктылардын оозун майлай албагандар. Колунан анча бирдеме чыкпаган сараңдыктын бир түрү. Анын үйүнө баратканда «куну жок кудай аткыр эле», андан чыгып баратканда «ушундай куну жок ургур» деп, канааттанбаган кептер да айтылган. Адатта, «куну жок» наркты анча түшүнбөгөндөргө, колунда бар, бирок пейили кууш ту туура үлүштүрүүбүз керек.
Сооп тилөө. Бул – адамгерчиликтин бир түрү. Бирөөлөрдүн керегине жароо. Бей-бечараларга колдон келишинче каралашуу. Аны нарк билгендик кылып, мүмкүн катарга ала жүрүү. «Элдүү түлкү ачка өлбөйт». Айыл маанектеген жону жукаларга тамак-аш, эгин-тегин берүү. Кийим-кечектеринин эски-ускуларынан чечип кийгизүү. «Кедейлик кемтик эмес» – деп, аны эрен-төрөөн көрбөй алуусу, ичүүсү, кийүүсү.
Ушундай ич ара жардамдаш – соопко калуу түшүнүгүн пайда кылган.
Кийин: «Бирөөнүн тамагын аңдыйт деген эмне?», «Бирөөнүн эски-ускуларын киет деген эмне?» өңдүү текеберчилик да болду. Бул тилемчиликтен айырмаланат. Биз учкай айткан соопчулук, соопко калуу, сообун алуу, сообун тийгизүү кыргызда эбактан бери келген. Мындан «Биз жармач кезде жардамы тийген, соопко калган. Ушулардын аркасы менен тирденип кеткенбиз…» өңдүү кайтарымдары да болот.
Мингич берүү. Бул – бардарлардан, байлардан жылкы сурап минүүлөрү. Ал кунан береби, бышты береби, асый береби, айтор, бергенин минип кетип белгилүү мөөнөтүндө алып кетет.
Аманат… Бул – адамдардын тактыктагы жана төптүктөгү ич ара мамилелери. Оозеки түрүндө аны өзүндөй кылып аткарууга сөзсүз тийиш болгон салам-дубайлары:
Биринчиден, тапшырган ишти жасап коюу;
Экинчиден, берген нерсени дал өзүндөй алып барып берүү. Ал өтүнүчтөрдү аткарбаса мойнуна карыз болуп калуу;
Үчүнчүдөн, айттырган кеп-келечти өзгөрүүсүз айтып баруу, мына ушулардан улам «аманат айттырган», «аманатка берип жиберген», «ал аманат айттырыптыр», «анын аманатын аткаруу керек», «аманатты аткарбаса уят» сымал ой-пикирлердин таалим-тарбиялык мааниси өтө зор.
«Аманат калтыруу», «аманат берүү», «аманат айттыруу» – булар кат-кабарсыз эле Кыргыз атанын ар мамилеге калыстыгын, алымдуу-беримдүүлүгүн айкындап турат.
Аманат – ата-бабалардан келе жаткан эски каадалуу салттардан. Баалуу буюмдарын-тайымдарын бирөөлөрдүн колуна калтыруу. Башкаларга мал кошуу, жайытка мал чыгаруу, мингичке мал берүү, бирдемелерди бирөөлөргө ишеним менен тапшыруу, шашылыш салам-дубай айттыруу, жекече өмүрдө кызыктуу окуяларды эскере, баяндай жүрүү өңдүүлөр да аманат деп аталат.
Насыя – бирөөлөргө бересе болуу, карыз алуу, кайра кайтарып бере албай, кепке жүрүү, кайра-кайра карыз алуу аркылуу карызга белчесинен батуу. Насыядан башы арылбоо. Арийне, «эр жигиттики элде жүрсүн, эриккенде колго тийсин», бул – эл багуу, жакшылык кылуу, пайдасын тийгизүү. Адамдык сапаты мына ушундай болуусу керек.
Кек (кек сактоо). «Кекти капырга жараткан» (Макал). Бул – ичте кара санатайлык калуу, жүрүп-жүрүп каршылаш адамынан өч алуу. Кара ниеттик кылуу. Жамандыкты сактоо. Ушундан улам «кектеп жүрөт», «кеги бар», «өч алат», «кекчил адам» өңдүү сөздөр айтылат. Мунун карама-каршысы, оң мааниси «ак көңүлдүк», «ичинин тазалыгы». «Өзөктөгү өрт», «сөөк өчтү» сыяктуу туюнтмалар кектөөдөн чыгат. Бул бир чактары андан запкы көрүүдөн пайда болот.
Жашоо-тиричиликте кек сактоо – зыян көрүнүш. Ич ара жүйөлөшүү аркылуу элдешүү, нааразычылыкты, кусаматчылыкты коюп, таза денеге таза ой-пикир, ар дайым жакшы тилекти кармоо мусулманчылыкта адамкерчиликтин асыл касиетин билдирет…
Түтүн булатуу – эресеге жетип, үйлөнүп, үй-жай, балабакыра күтүп калган уул ата-энелеринен бөлүнүп чыгып, өзүнчө оокат кылуусу. Жашоо-тиричилигине жекече чабыт алуусу. Мында, биринчиден, өз-өзүнчө турмушун жасоочулар, экинчиден, ата-энелер уулдарын улам улуулата үйлөнтүп, атайын үй көтөрүп, там салып, мал бөлүп, бала энчисин өз колуна карматуусу.
Үйдү шыпыруу. Адатта, тазалыкты сактоо, таза тутуу короодон башталат. Айлана-чөйрө мизилдеп турса, ошого карата кадам жакшы маанайда шилтенет да, үй ичине кирет. Тазалыкта кармалган бөлмө адамга маданияттуулукту тартуулайт. Салтта үй шыпыруу, туруп жууркан-төшөктү жыйноодон, жуунуудан, эртең мененки тамакка отуруудан мурун башталат. Таза үй тамакты көңүлдүү ичүүгө, маңдайды жарып, ойдогудай отурууга шарт түзөт. Эл отурганда, эл жатканда, кирди-чыктылар учурунда үй шыпыруу, шыпырынып отуруу, шыпыргы менен чаңызгытуу үйдөгү меймандарга аброй алып келбейт. Адептүүлүктүн чегине жатпайт. Үй ичин тирдөөчү учур коноктордун эшикте сейилдеп турушунда, үй ээсинин, бала-бакыранын малсалды жайлоо учурунда чакталат. Үй ичин желдетүү ошондо болот. Чаңды ж. б. ыплас нерселерди шыпырууну да аяр аткарып, адептүүлүк, ыймандуулук, этияттыкты сактоо зарыл.
Сейилге чыгуу. Бейкутчулук учурдагы кыргыздардын жайында жайлоодо, эл-жер аралоодо ырахаттанып бастырып жүрүүлөрү. Аңчылык учурундагы жорго минип, торко кийип, ит агытып, куш салуучуларды ээрчип, таңтамашаларга батуулары.
Сейил – эс алуу, сейилдөө – аттанып чыгуу, маданияттуу жүрүш-туруш.
Тилекке каршы, кийинчерээк жылдын кайсы мезгили болбосун, минтип эс алуу эске алынбай, жаш-карылар арак-шарап ичүү, көбүнчө карта ойноо, кумар саюу өңдүүлөр менен күндү батырууга, таңды аттырууга ык коюп баратышкансыйт. Албетте, мындай шартта сөзсүз талаштартыштар, уруш-сөгүштөр, жаатташуулар, араздашуулар болбой койбойт. Албетте, бул салттуу-нарктуу жөрөлгөнү этибарга албоо болуп саналат.
Камчысын берүү – бирөөлөргө бирдеме айттыруу, ишенимин билдирүү. Айтып баруучу адам анын актыгы үчүн камчысын көрсөтүү аркылуу ишенимге ээ болуу. Илгери кат ордуна мындай салам-дубай жиберүүсү менен адамдар бири-бирине күбөлүккө өтүшкөн. Бул көбүнчө конок айттырууда, буюм-кече сурашууда көп пайдаланылып, кадырлуулардын баркын-наркын билдирген. Баш кийимин кийип баруусу аркылуу да ушундай иштерге жарап турушкан.
Улут оюндарында, мисалы, устачылыкта, узчулукта, ат үстүндөгү таң-тамашаларда, эр эңиште, балбан күрөштө камчысын, уста көмүркөйүн, уз камчы, кестигин, упайчы чүкөсүн, ордочу абалагын өзүнүн ишенимдүү шакирттерине бериптир деген чындык айтылган. Ал анын өнөрүн улоосу болуп саналат.
Элдик өлчөм. Кар жаагандагы кыргыз элинин өзүнчө чен-бирдиктери айтылат. «Кыламык каар жаады», «сагызган изи», «карга изи» кар жаады дегендик. (Бул куштардын изин ачык көрсөтүп турат.) «Койдун туягынан», «аттын чачысынан», «аттын туягынан», «тушардан кар түштү», «омуроодон кар түштү». Аттын омуроосу айтылып жатат.
Кыргыздар суу кечкенде да бирдемелерге салыштырып айтуу аркылуу ойлорун ачык түшүндүрүшөт. «Суу тизеден экен», «аттын кара капталын жаап», «ат агызган суу», «тайыздыгы кызыл ашыктан», «кечкенде кекиртектен келди», «жоон санга чыга түштү» өңдүү болжолдуу салыштырмалар менен ойду даана түшүндүрө алабыз.
Тамак-аштарда, идиш-аяктарда элдик өлчөмдөр бар. «Карындын соргок бурчунан сары май», «Аяк капырталай айран», «Бир чөйчөк талкан», «Бир аяк сүт», «Чымчып буума буудай», «Кол чанач кымыз», «Беш кочуш жем», «Бир кайнатым чай», «Бир татым туз», «Бир атым насыбай», «Бир ууч бадырак»… Мындай өлчөмдөр тилибиздин көркөмдүгүн да элестетет.
Элдик аралык өлчөмдөрү да бар: «бир эли», «үч эли»… Адатта, мал союуда «бир эли казы», «үч эли казы, «таман казы», «кабырганын тышы үч эли» деген өңдүү чен-өлчөмдөр айтылат. Ал эми кийим бычып-тигүүдө эки эли өөн, нукум, сөөм, кере карыш көбөө, милте («Бою бир карыш, сакалы миң карыш» – табышмак) деп айтылат. Мындан сырткары, «бир чакырым» (км.), «бут атым», «тай чабым», «ат чабым» ж. б. чен-өлчөмдөрү да колдонулат.
БЕШ КОЛ (БЕШ САЛАА) ТУУРАЛУУ ТҮШҮНҮК
Баш бармак мактап-жактап көрсөтүүдө «эң жакшы», «эң мыкты» деп айтуунун ордуна калган манжаларды жуумп туруп, баш бармакты өзүнчө кайкалай алып көрсөтүү. Илгери баш бармакты сыяга жугузуп, кагазга мөөр басчу. Ал – чындыктын далили, дарек-документтерди күбөлөндүрүү. Бир нерсени бир нерсеге салыштырууну, өлчөөнү билдирет.
Сөөмөй – бир нерсени айтууда көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө каратуу үчүн өзүнчө соройтуп сөз сүйлөө. Айрым өкүнүчтүүлүк көрүнүштү сөөмөйдү өтө чычайта, көзгө такай айтуу. «Ал сөөмөйүн кесеп» – деп коёт. Салыштырмалуу өлчөмдү. «Сөөм-сөөм, карыш-карыш» деген аралыкты билдирет.
Ортон – салыштырууну туюндурат. Мисалы, «ортон колдой мал», «ортон колдой там», «ортон колдой ат» ж.б.
Өлчөмдү билдирет.
Аты жок. Баш бармак, сөөмөй, ортон колдой буга сапаттоолор болбойт. Ал сөөмөйдөй көрүнөт. Калыңдыкты билдирүүдө сөөмөй ортон менен аты жок кошо айтылат. Мисалы, үч эли, төрт эли (мында чыпалак кошулат). Таман казы (үч эли «таман» чыкты болот).
Чыпалак – төрт манжанын эң кенжеси. Ал кичине нерселерге салыштырылат. Т. а., чыпалактын өзүн чычайта көрсөтүүнүн өзү өтө кичинекейди туюндурат.
Калыңдыкты билдирүүдө, мисалы, жылкы союуда анын казысына көпчүлүктүн көңүлү бурулат да, арыксемизи өлчөнөт, чыпалактай дейбиз. Бир эли (сөөмөй көрсөтүлөт), эки эли (ортон кошо), үч эли (аты жок кошо) деп өлчөнөт. «Чыпалак эли» – деп да айтабыз. Бул семиз эмес, «булут», «бычак сырты» арык дегенди туюндурат.
БАЛА ЖӨРӨЛГӨСҮ
Кыргыздарда бала деген биринчи ырыскы-бакыт, кут. Ар адам түп атадан келаткан туякты күтүүнү, артына мураскер калтырууну, баланын убайын көрүп, тукуму уланып кетүүнү эңсешет. Жараткандан жалгыз тилек – балалуу болуу. Бала деп жашайт. Андан эч нерсе аянбайт.
Ал эми ар бир кыргыз баласынын парзы– эненин ак сүтүн актоо, ата милдетинен кутулуу. Бала жашынан ата-энеге, улуулардын сөзүн угуп илбериңки аткарган, тил алчаак, сылык, боорукер, күйүмдүү, сарамжалдуу, табышкер, ак пейил болсо, анда эненин ак сүтүн актаганы. Чыйрак, эрки күчтүү, тобокелчил, жоомарт, жолдошчул, акылдуу, патриот болсо, ата парзынан кутулган болот.
Бала төрөлгөндөн баштап, эрезеге жеткенге чейинки убакта ата-эненин түйшүгү тоодой. Бала улам чоңойгон сайын ага арналган далай элдик жосундар, салт, тойлорду көрөт, ырларды, алкоо, бата, тилек сөздөрүн угат.
Байыртан эл ичинде балага байланыштуу чыгарылган сонун ырлар, поэмалар, макал-лакаптар, нускоо сөздөр, күүлөр, каада-салттар, жөрөлгөлөр сакталып келет.
Кыргыздарда бала төрөлгөндө эле түрдүү ырымдарды колдонуп, эсен-аман катарга кошулушун тилек кылган. Ошол аруу тилектерин бата ырлары менен айткан.
Азан чакыруу. Эне тогуз ай көтөргөн бөпө жарык дүйнөгө көз жарган соң, ага ат коюу аземи башталат. Баланын чоң атасы же айылдын кадырман карыясы эшикке чыгып, Кыбыла карап, салт менен азан чакырып, жер бетине, адамдарга сүйүнчү айтып, наристеге ат чакырат. Камбыл ата-эне баланын атына жараша тагдыры түзөлөр дегенди билишип, наристеге небактан эле атын даярдашат. Ыроологон атыбы, же чоң атасынын өтүнүчүбү, акыры азан чакыргандагы ысым өмүр бою энчиленет.
Ал эми ат коюу азаны жөн эле сөздөрдөн эмес, көркөм ыр түрүндө болгон.
Баланы оозантуу. Эмчек сүтү менен удаа эле чоң энелер мурдатан карынга куюп сактап жүргөн сары майдан оозантат. Бөбөктү бөрүнүн шилекейи, сагызгандын тили менен оозантуу ырымы бар. Жакшы каалоо айтылат. Карындагы май кийинки жентекке бешик тойго берилет.
Сүйүнчүлөө. Жарык дүйнөгө келген бөбөктү ысымы жакындарга, дос-жолдошторуна, ага-туугандарга атайын балдарды чуркатат же чоңдор деле сүйүнчүлөп барышат. «Сүйүнчү!» – деп жолукканда же эшиктен кабарлайт. Адамдар колдорунда барын аянбай акчалай, же буюм беришет, катыш-чалышы, жакындары мал-сал ыроолошот.
Көрүндүк. Жакын санаалаштар, туугандар, достор наристени көрүүгө келишип, наристенин мурдунан чымчып, бетинен өбүшөт, көрүндүк беришет. Көрүндүккө акча-тыйын, буюм, кийим-кече берилет. Тамаша иретинде жакындардан арбын доолап алышкан жөрөлгөлөр бар.
Бала көрүү ырымы. Адатта, жаш наристе көз жарат. Ага сүйүнчү айттырат. Эми баланы көрүп көрүндүк берүүгө тийиш. Айрымдардын токтобой жүрүп көргөн баласы болот. Кээлери эркек балалуу болууга зар. Мындай шарттарда ошол баласы «40 күндүгүн» көрбөй коюу, же: «Кийин бутту басканда, тили чыкканда көрөм» дечүлөр да бар.
Бул – «баланын туулганына сүйүнбөй, турарына сүйүн». Ата-бабадан келе жаткан ырым-жырым. Демек, «Бала эсен-аман чоңоё берсин, ага бирөөлөрдүн көзү тийбесин» – дегени.
Жентек. Наристенин кубанычы катары кошуна-колоң, ага-туугандарга эки-үч аптадан кийин үй ээси жентек берет. Карындагы май томкорулуп, боорсок жасалат, тамак-аш даярдалат. Улуттук наркты сактап, жентекке баргандар кийим-кече, акча, буюм ала келишет. Кээ бир жакындар наристеге мал ыроолойт. Наристенин ата-энеси да жентекке келгендерди ыраазы кылып узатышат.
Бешик той. Бала төрөлгөнүнө жети күн өткөн соң, эл ичинде каадалуу бешик тойго кошуна-колоң, жакындар, ысым санашкандар чакырылат. Чакырылгандар наристеге белек ала келишет. Бешик ыйык буюм. Аны атайы таяке-тайлар жээндин бешигин жасап барышат. Наристени бөлөөрдө бешиктин күлтүгү, эки олпогу, төрт жаздыгы, чарчы ороосу, кыпчыгы, (кыпчылдыгы) шимеги, төшөнчөсү даярдалат. Бешик менен шимек майланат, арча менен аласталат. Набаттуу байбичелерибиз дасторкондон кийин оң-сол чүкөлөрдү бешиктин баш жагынан көтөрүп, «бар бол», «оң бол» деп эңкейткенде ал чүкөлөр күлтүгүнө түшүп кетет. Ага колдорун тийгизип, «Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди» дешип байбиченин эки тарабында олтурушуп, наристени жаткырышат.
«Бешик апа, бек карма,
Умай эне, уйку бер,
Ыйман-ынсабыңы берсин, Эл сүйгөн эрен бол.
Менин колум эмес,
Теңир Ата, Батма, Зууралардын колу,
Ыйлаба, жоош жат» – деп баланы бешикке салат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп, жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып, төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт.
Отурган байбичелер балага бата беришип, алкашат. Анан бешик термелет. Бешик термелгенде дагы ар кандай ойлор, тилектер, алкоолор, баталар берилет. «Бешик ыры», «Сал билек» деген илгертен кеңири айтылып келаткан элдик ыр бар.
Бешик ыры.
«Алдей-алдей, ак бөбөк, Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей, бөпөм, ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тоого кетиптир,
Ак кисе толгон эт келет, Энең тоого кетиптир, Эмчеги толгон сүт келет».
* * *
«Сал-сал билек, сал билек, Сары майга мал билек.
Коён кошту кош билек, Кошкон малга мал билек. Алдей, бөбөк, ыйлаба, Эжекеңди кыйнаба.
Кырма табак кырдырба, Кыруусу менен куйдурба. Куру кыйнап эжеңди, Кокуйлатып ыйлаба».
Бешикти жасалгалоо. Бешик көбүнчө арчадан жасалат. Бешикке карышкырдын чүкөсү, тиши, илбирстин, үкүнүн тырмактары, жыландын баш сөөгү, көз мончок, суунун шарын укпаган жердин долоносунун бутагы, табылгынын уюлу, күмүш тыйындар, көк, сары, кызыл мончоктор, ичине сейдене, жыпар мончок салынып, тигилген тумарлар, курманын сөөгү, Куран сүрөөлөрүнөн үзүндү жазылган барактар салынып, тигилген тумарлар, канатташ ж.б. илинген. Элдин ишеними боюнча бүркүттүн тырмактарынын күчүн, касиетин бала көтөрө албайт деп чоңойгондо гана таккан.
Бешикке тыюу. Эгерде бешикти куру терметсе балалуу болбой калат деп, бош бешикти бала-чакага терметтирбейт.
Бешикти бут менен жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт. Баланы бөлөөрдө бөбөктүн өзүн да бешиктин үстүнөн алып бербеген.
Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт. Экөөлөп бешикти терметпейт. Бешикке өбөктөбөйт. Бала бөлөнгөн бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагын чыгарат.
Бешикти сатып алып жатып соодалашпайт, сураган акчаны берет.
Бешиктеги баланы жалгыз калтырбайт. Эгерде жалгыз кала турган болсо, жаздыгынын алдына бычак коюшкан.
Эмчекти эмдөө. Төрөп-түшүп турган зайыптардын кээде эмчеги кызарып, чочуп калат.
Элдин ырымы: кертим-кертим жыйылган жүктү күнүгө үч маал кучактап, үч маал өз чачын өзү тарап (эртең менен, түштө, кечте) коюш керек.
Кыркын чыгаруу. Наристе төрөлгөндөн кийин 40 күн өткөндө баланын ата-энеси айылдагы кошуна байбичелерди чакырат. Дасторкон жайылат. Наристенин «ит көйнөгүн» чечип, «карын чачын» алып, катып коюшат. Кырк кашык сууга туз кошуп, суу менен домдоп киринтишет. Теңирчилик доорунда наристеге 40 түрдүү чүпүр өктөн (курак) көйнөк тигишип, ичин сыртка каратып, балага кийгизген салт алигиче жашайт. Чач алган эркекке кийит берет. Адаттагыдай ак байбичелер дасторконго бата тилешет, акыл-насаат айтылат.
Баланын чачын алдыруу. Бала төрөлгөндөн бир нече күндөн кийин эркек баланын чачын алдырат. Кыз бала бир жашка толгондо ата-энеси кыйышпас дос-тамырына алып барып чачын алдырып, кулагын көзөттүрөт. Аларга мал энчиленет же кийим кийгизет.
Тушоо кесүү (тушоо тою). Бала бир жашка чыкканда, там-туң баса баштаганда ата-энеси, айыл-апа, туугантуушкан, ылымы жакындарды чакырып, колдон келсе мал союп той берет. Тамак-аш ичип-жешкен соң эшикте тушоо кесүү аземи өткөрүлөт. Баланын эки бутуна кара-актан эшилген жипти каршы-терши казыкбош чала байлашат. Өлчөлүү жерден топтолгон балдар жарышат. Озгон күлүк бала даяр бычакты алып, баланын бутундагы ала жипти кыркат жана баланы эки колдоп, ырымдап «тай-тай» деп бастырат. Тушоону кескен балага жана чуркагандарга байге берилет. Той шарапатына жараша кыз-балдар, улан-жигиттер, улгайгандар, зайыптар өзүнчө топ-топ болуп, чуркаганга далалат кылышып, тамаша, шаан-шөкөт менен байге алышып, той шаңын чыгарышат.
Тежемел бала. Эне эмчегин эмбеген баланы тежемел деп коюшат. Буга ар турмуштук, социалдык себептер бар. Энеси эрте каза болуп калса, бирөөлөр асырап алса, балага ар кандай тамак-аш берип багууга туура келген.
Май көтөн. Бала артынан улам бөбөктөр ээрчип келсе, же кабар алып берген кичинекей чүрпөнү эркелетүүдөн чыккан сөз.
Баланы асыроого берүү. Наристе төрөлүп, бирок бат эле чарчап калса, же араа төрөлүп, бул адатка айланса, элдик табыптар, дарыгерлер, ырым-жырымчылар айлаамал жасашат, төрөлгөн баланы кырк аялдын алаасынан өткөрүшөт. Көчкөндө эски журтка ташташып, көч узай бергенде кайрылып келип, бешикти ат үстүнө эңип алышкан. Башка энелерге берип, эмчегин эмиздиришкен, кайра ырымдап «сатып алган». Адамга ит ырыскылаш дешип, ит менен эмчектеш кылган. Айрымдар ырымдап, баланын тушоосун кесип койгон.
Башка бир жөрөлгө. Бала төрөлөрү менен башка бирөөлөргө берип жиберген. Далай убакыттан кийин (күн, ай, жыл өткөрүп) мал, бычак, шибеге ж.б. темир-тезек тарттуулап, баланы кайра сатып алган. Элөөсүз калсын деген жышаанда балага эң жөнөкөй аттарды койгон. (М: Бокмурун, Жылкыбай, Бөрүбай ж.б.)
Сүннөткө отургузуу. Эркек бала 3–5 жашка чыкканда, наристеликтен балалык баскычка өткөндө, мусулманчылыктын жышаанында ырымдоо, баланы отургузуу тою, «колун адалдоо» өткөрүлүп, той болот. Баланы отургузуу ырымын кыргыздар сүннөткө отургузуу, колун адалдоо деп аташат. Адетте жуп жашында баланы сүннөткө отургузбайт. Илгертен отургузууну устат кишилер баланын колуна жото жилик карматып коюп, ак жоолук менен көзүн таңып, жосунун жазашкан.
«Колуң адал болсун!
Атанын алтын казык изи бол, Ак шумкардын курч мизи бол.
Азамат бол, эр бол, Алаамдагы шер бол» –деп тилек айтышкан.
Азыркы тапта медицина дарыгерлери, хирургдар баланы отургузуу аземин жасашат. Сүннөткө отургузуу учурунда аялдар сүннөткө киргизилбейт.
Баланы атка мингизүү. Эркек бала (төрт-беш жашка чыкканда ата-энеси ат токумдарын камдап, тай, кунан мингизип, мал союп, дасторкон даярдап, кыйышпас досторунукуна ээрчитип барат. Ал досу кайрадан мал энчилеп узатат, батасын берет.
Калта (дорбо) кагаар. Балдардын эң кенжеси, көкүрөк күчүгү. Үйдүн мал-мүлкүнө, ата-эненин табылгасына ошол ээ болот. Бул тамаша катары айтылып калган сөз.
Эресеге жетүү. Улан атка конуп калган уул эми үйлөнүүгө камданып, айыл аралап, өзүнчө жашамакка далалат кылып, элге кошулган кези, эресеге жеткен учуру. Элде ата-эне өз милдетинен кутулду деп баа бер ишет.
Союл көтөрөр. Кыргыздарда эркек уулдуу болуу – жеке эле артында калуучу туяк, үй ээси ордун басуучу эле эмес, эли-жери үчүн кызмат кылуучу катары баамдалуучу. Мал киндиктүү элде-жерде ууру-бөрүлөр, жылкы тийүүлөр сөзсүз болгон. Урук-туугандар ылым санап конушкан. Демек, эркек балдар ошондой шартта өзүнүн элин сырткы душмандардан сактоого тийиш. Уруу чабыштарда союл алып, беттей чабышкан. Мал-салын кайтарып, күнү-түнү сакчылыкта турушкан. Союл көтөрөр – эркек уул, демек, ал эр жеткени.
Энчилөө, энчи берүү. Бул – бала-бакыраларга, кызкыркындарга, жээн-жергеге, бөлө-бөтөндөргө, катышы барлардын бала-чакаларына мал берүү, ал малдарга өз энин салдыруу, менчигине айландыруу. Ага тайлак, кулун, тай, торпоктана, музоо, кой-козу, эчки-улак өңдүүлөрдү ыроо лоо мүнөздүү. Кыргыздар мындай сыпайы алды-бердилерди көбүнчө бала-бакыра ошол үйгө барганда берет. Анын келишинин бир чети куттуктоосун, жетине албоосун, эркелетүү маанайын билдирген. Ал аркылуу ата-энесинин кадыр-баркы ого бетер артылган.
Энчи берүү – энчи бөлүү – бул уул үйлөнүп, өзүнчө түндүк көтөрүп, түтүн чыгарууда ата-эненин, ага-туугандын бөлүп берген мал-мүлкү. Мисалы, комдолуу төө, музоолуу уй, кулундуу бээ, он-он беш козулуу кой, улактуу эчки, мингич ат өңдүүлөр берилип келген. «Алымбек алына жараша» дегендей энчилөө, энчи берүү ар биринин байлыгына байланышкан.
Энчилөө – үйлөгөн уул-келин өз алдынча турмуштук чабыт алып тирденип кетүүгө карата көрүлгөн чоң өбөлгө.
Жаңы тигилген өргөөгө бата. Кыргыздарда батаны үйлөнгөндөн кийин жаңы өргөө тигилип, чамгарактан баш ыргытып, уулун бөлөт. Ошондо жаңы өргөө тигилгенге атайын той берет. Ошол нускада бата ыры айтылат.
Жаңы өргөөнүн
Жакканы арча болсун,
Жайылып короосу малга толсун,
Уугу учтуу болсун,
Уулу күчтүү болсун,
Керегеси кептүү болсун, Келини эптүү болсун!
Оомийин!
Баланын аталышы: Кызыл эт чиедей, ымыркай бала. Көз ача элек бала. Наристе бала. Көз ачып калган бала. Ата-энени таанып калган бала. Күлүп калган бала. Моюн токтолуп калган бала. Талпынып калган бала. Кыркы чыккан бала. Чүрпө. Балтыр бешик бала. Отуруп калган бала. Балакай. Эмгектеп калган бала. Каз туруп калган бала. Там-туң баскан бала. Тушоосу кесилген бала. Басып калган бала. Тили чыккан бала. Чуркап жүргөн бала. Атаэнени ээрчип жүргөн бала. Өңөрүп калган бала. Айырмач минген бала. Учкашып калган бала. Бата тилеп калган бала. Колго суу куюп калган бала. Ат сугарууга жарап калган бала. Мал тосуп калган бала. Мал кайтарган бала. Эрешен тарткан бала.
Жаш курак өлчөмү
Эркектерге. Кундактагы бала. Ымыркай. Чүрпө. Наристе. Бөбөк. Тестиер. Эркектана. Балакай. Өспүрүм. Жеткинчек. Улан. Эрешен. Боз бала. Жигитек. Эр бүлө. Боз жигит. Бозой. Эр азамат. Эрен. Токтолгон курак. Эр ортону (орто жаш). Жетик жаш. Киши. Кара сакал. Улгайган курак (карылык). Абышка. Карыя. Аксакал. Чоң ата. Эр. Шер.
Ургаачыларга. Ымыркай. Бөбөк. Чүрпө. Наристе. Кызалак. Секелек кыз. Тестиер кыз (топучан кыз). Каркыралуу кыз. Беш көкүл кыз (тебетейчен кыз). Бийкеч (такыячан кыз). Селки. Кары кыз. Колукту (шөкүлөчөн). Келинчек (элечекчен). Жубан-зайып (аял, каз элечекчен). Жар. Тастарлуу аял. Төрөп турган зайып (каз элечекчен). Төрөттөн калган аял. Улгайыңкы аял. Катын. Кемпир. Байбиче (казанбак элечекчен). Ак байбиче.
Муундардын аталышы санжырада. Баба. Ата. Чоң ата (наркы ата). Баба. Кубаар. Ата-жото. Жете. Муштум. Нарк. Зади. Зил. Тек. Кубат. Медет. Таяныч. Урук. Уруу. Оң канат. Өзөк. Жөлөк. Асаба. Ураан. Улут. Уютку. Түркүк. Уюл. Урпак. Турпак. Ата. Бала. Небере. Чөбүрө (чүрпө). Кибире. Чүпүрө (чебере). Кыбыра. Кымыңда. Тыбыра. Тарсылда. Торсулда. Жыбыре. Жымыңда. Чорбоңдо. Борсоңдо. Борсулда. Арбаңда. Эрбеңде. Сербеңде. Өркөн.
Бала жөнүндө икая. Ата уулдуу болсо, карыялар «атадан кем бала, атага тең бала, атадан артык бала» деп сынашкан.
«Кем бала» – атанын абийирин төгөт. Жүгөнү жок атка окшош. Зөөкүрлөнүп эл караган бетин жер каратат. Жакшы атага наалат айтылат. Ата корунуп калат. »Жакшыдан мөөн туулду» болот.
«Атага тең бала» – атанын баласы – тондун жакшысы катары бааланат. Жер караган ата эми эл карайт. Топко кошулат, катарда отурат. «Баланчанын баласындай болгула деген нарк-салтка татыйт.
«Атадан артык бала» – элдик бала. Эл-жер деп согот анын жүрөгү. Көпчүлүктүн көңүлүн табат, баарына бирдей жагат. Ал ага демөөр берет. Кээде андайды «Жамандан жаан туулду» дейбиз да, уулду журтчулук колдоого алат. Ага эл-журту сыймыктанат, медер тутушат.
Мэримсиз бала тууралуу болумуш. Ата-энеңди урматтаганың, өзүңдү урматтаганың. Албетте, кимдер ата-энесине жаштыгында кандай мамиле жасаса, карыганда ошондой мамилени өз балдарынан көрүшөт.
Бир жигит өзүнүн аялын ушундай жакшы көрчү экен, дайыма жаңы бир нерсе сатып келсе, аны келинчегине берип, эскисин ата-энесине берчү экен. Бир күнү аялы ага: «Мага талак бер» – дейт экен. Күйөөсү ага: «Ой, катын, мен сени ушундай жакшы көрүп, сага эң жакшы нерселерди алып келип берсем, урматтасам, эмне үчүн чанып отурасың»,– дейт. Ал аял: «Мен сенден балалуу болууну каалабайм, себеби дегенде сенин балдарың да биз картайганда бизди сага окшоп урматтабайт» деген экен.
Аялынын сөзүнөн чыкпаган дагы бир жоош адам: «Энең эртели-кеч тамак жей берет, эч тойбойт, жогот муну бул жерден» деген аялынын сөзүнө моюн сунуп, картайып калган энесин алыс бир тоого алып барып таштайт. Кетээринде өзүн акташ үчүн бир нерселерди айтайын дейт. Бир убакта энесинин бир нерсени чайнап жатканын көрүп, баягы аялынын айткан сөздөрүн эстейт да, чын эле энем тойбойт экен деп ойлойт. Ачуусу келип: «Ой, эне, эмнени эле чайнап жүрөсүң, эч тынбастан? – дейт. Энеси: «Кечирип кой, балам, бир жумадан бери оозума эч нерсе алганым жок, азыр болсо тилимди соруп отурам», – деген экен.
Дагы бир эрки жок киши, аялы кулагын жей бергенден кийин атасын капка салып, алыс тоого алып жөнөйт. Анан атасына: «Кечирип кой, ата, жагдай ушундай болуп калды, сизди үйдөгүлөр жактырбай жатышат, мен болсо балдарымды кантип таштайм»,– дейт. Атасы анын жагдайын түшүнүп: «Эч нерсе эмес, балам, бара кой, бул капчыкты ала кет», – деп, капчыкты сунат. Баласы: «Ой, жарыктык, мунун кереги эмне?» – дейт. Атасы: «Ээ, уулум, сен картайып, балдарыңа керегиң жок болуп калганда, ушул кап менен сени да ушул жакка жеткизишет» деген экен.
Пайгамбарыбыздан бир жолу анын сахабаларынын бири: «Мен кимге жакшылык кылуум керек?» – деп сураган. Пайгамбарыбыз, ага: «Энеңе» деген. «Андан кийинчи?» деген суроолоруна да ушинтип үч жолу кайталап, төртүнчүсүндө гана: «Анан атаңа» деген жоопту айткан.
Пайгамбар Салла аллоху алейхи вассалам жана да мындай деген:
«Кудайдын эрки ата-эненин эркинде жана Кудайдын нааразылыгы да алардын нааразылыгында».
Атанын балага карызы:
Балага жакшы ат коюу. Балага ак эмгектен тапкан адал тамагын берип асыроо. Баланы энесинен ажыратпоо. Балага билим үйрөтүү, сүннөткө отургузуу. Баланы ыйманга үйрөтүү. Баланы эмгекке машыктыруу.
Баланын парзы.
Ата-энени ыйык көрүп, акылын угуу.
Каяша айтпай, эки дедирбей, тил алчаак болуу. Ата-энеден жакын, күйөр, кыйбас, андан артык жан жок экенин сезүү.
Ата-энеге баш ийүү, милдеттүү экенин түшүнүү, талабын аткаруу жана аларга боорукердик, ыйба менен мамиле жасоо, жардам берүү.
Эненин ак сүтүн актоо, атанын акыбетин кайтаруу. Көңүлдөрүн калтырбоо.
Аларды өмүр бою аздектеп багуу жана ызаат менен сөөгүн жашыруу.
Эл ичиндеги улууларды сыйлоо жана урматтоо.
Устат, мугалимдердин сөзүнө кунт коюу. Накыл китепти көп окуу.
Бир туугандарды, жети атаны билүү, жерге-жээкке жакшы мамиле жасоо.
Жан-жаныбарларга табиятка этият мамиле жасоо, зыян келтирбөө.
Адам болоюн деп алдына таза тилек коюу. Адеп, ыйман жолуна түшүү.
Баба салтына баш ийүү жана урматтоо. Адамкерчиликти бийик тутуу.
Элдин тилин, тарыхын кадыр-баркын билүү, сыйлоо.
Элди-жерди сүйүү жана көздүн карегиндей коргоо.
Адамдарга, өзүнө чынчыл болуу.
Өзүн мыкты тарбиялоо. Оюн тазартуу. Ак тилекти алыс коюу. Денени чыңдоо.
Кыз балага тыюу.
Кызга эркек баланы тепкенге тыюу салынган.
Үй-бүлөнүн туруктуу мүчөсү деп эсептелбегендиктен, кызга табактын түбүн жалатпаган.
Төркүнүн бүт байлыгын шыпырып алып кетпесин үчүн кызды күйөөгө узатканда, себине шыпыргы кошуп бербеген.
Кызды босого жакка отургузбайт, антсе ата-энеси жакыр болуп калат дешкен.
Кыз баланы кулагын аял киши көзөп, ага жибек жип өткөзөт. Көзөгөн жер ырбап, жара болуп кетпесин үчүн ага иттин жүнүн чыйратып өткөрөт. Кулакты чабалекейди көргөндөн кийин тешсе шишип, ооруп кеч айыгат дешет.
Маңдайы ачык, кең болгон кызды алыс жакка чыгат дешкен.
Кыздын тили ичке болсо сөзмөр, тилдүү өсөт дешет.
Кызга койдун кекиртегин бербеген, аны жесе күйөөгө жылаңач кетет дешкен.
Кызга тилдин учун бербеген, тилдүү болуп калат.
Кыз бала күн чыкканга чейин уктабайт.
Кыз бала оокат жасап жатып тамагын утуру сузуп жеп турса, казандын түбү тешилгиче турмушка чыкпайт.
Тамак жасап жатып аралаштырган соң, депкирди казанга какпайт.
Казанга чөмүч менен депкирди чогуу салып койбойт.
Түнү идиштерди жуксуз калтырууга болбойт.
Кыз бала эркек кишиге тике карабайт, бирөөнүн көзүнчө керилбейт, керилгени эрге тийгиси келгендин белгиси делет.
Эркек адамдын алдын кезип өтпөйт, эркектин жолу буулуп калат. Уул баланын кийими, ошондой эле күйөөсү бар келиндин кийимин кыздар кийбейт.
Балага жалынып-жалбаруу. Эрке тайым. Зирегим. Кагылайын. Айланайын. Кагылайын тилиңден. Каралдым. Көлөкөм. Көпөлөгүм. Көрөр көзүм. Кутманым. Көрөр күнүм. Садагаң болоюн. Садага кетейин. Балакетиңди алайын. Олда, айланайын. Ырыс-кешигим. Кара көзүм. Сатык болоюнум. Секет кетейин. Кичинекей сербегейим. Дарым. Серегейим. Алтыным. Аркамда калган белегим. Найзага таккан желегим. Күмүшүм. Күйгөн шамым. Чырагым. Коогарым. Тегеренейин. Тирикарагым. Кулунум. Бопум. Жакадагы кундузум. Үркөр тоом. Балакайым. Медерим. Боорум. Жүрөгүм. Карегим. Үйүлөйүн. Мазарым. Өпкөмдү чабайын. Колкомду чабайын. Жүлүнүмдү чабайын. Бөйрөгүмдү чабайын. Жанымды курбан чабайын. Жарпымды жазарым. Кара жанымды кагайын. Көзүмдүн кареги. Шоолам. Мээнетиңди алайын. Өбөгүм-жөлөгүм. Кулунум. Өпкө-боорумду чабайын. Айланып кетейин. Алдыңа кетейин. Кубатым. Кубары заадам. Жаным. Кара жаным. Өпкөм. Кара чечекейим. Кешигим. Туягым. Кудайым бергеним. Жөлөнгөн тоом.
БАЛДАР ЫРЛАРЫ
Бешик ырлары. Бөбөктү бешикке терметүү, же бөбөктү таптап уктатуу, жубатуу да кыргыз балдары белгилүү обон менен айтылган ырдын ыргагы менен уктаган. Биз ал ырларды «өөбай ырлары» же «бешик ырлары» деген шарттуу сөз менен атадык. Кыргыз балдар чыгармачылыгында бул түрдөгү ырлар төтө балдардын өздөрү жагынан чыгарылбаса да, балдардын ата-энелери балдарга арнап айтылган ырлары болгондуктан, жана келип бөбөктөрдүн өзүнөн улуу эжелери, агалары тербетип, таптап, сооротуп, уктатууга милдеттүү болушкан. Ошого бешик ырларын («өөбай ырларын») төтө эле балдар оозеки чыгарышы да мүмкүн. Биз бул түрдөгү ырларды да балдар чыгармачылыгына шилтеп отурабыз. Эл ичинде бешик ырлардын түрлөрү аябай көп, анын мазмунуна карай бешик ырлары, эркелетүү ырлары деп экиге бөлүүгө болот. Ал эми аталыш жагынан: Алдей балам. Өөбай балам. Бала эркелетүү деген аталыш боюнча, бир кыйла жалпы айтылгандарынан үлгү катары беребиз.
Бешик ыры.
Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм, Асти балам, ыйлаба, Апаңдын жанын кыйнаба!
Эстүү балам, ыйлаба, Энеңдин жанын кыйнаба! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Элин багып сыйлаган, Эл менен бирге жыйнаган, Эмгекчи болгун бөбөгүм! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Калкын багып сыйлаган,
Калк менен бирге жыргаган, Камкор болгун бөбөгүм! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Корооң толгон койлуу бол,
Өрүшүң толгон малдуу бол, Кампаң толгон дандуу бол! Алдей, алдей бөбөгүм Алдей, алдей бөбөгүм!
Өнөрүң менен өргө чап, Эмгегиң менен элге жак! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Колунан көөрү төгүлгөн, Өнөрү көзгө көрүнгөн, Өнөрпоз болгун бөбөгүм! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Курулушту куп билген,
Куруу ишин төп билген, Уста болгун бөбөгүм! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Илимдин кенин издеген,
Илимди тапса сиз деген, Илими жаккан элине, Илимпоз болгун бөбөгүм! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Ырдын кенин ыргаган, Ырдаса эли жыргаган, Ырчы болгун бөбөгүм! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Сыртынан сындап адамды, Келечегиң кең билген,
Бардык жагын тең билген, Сынчы болгун бөбөгүм! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Адамга тийип пайдасы,
Тамырдан билген ооруну, Табып болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Уккулуктуу үнү бар,
Булбулдун ширин тили бар, Чечен болгун бөбөгүм!
Уул баланы терметкенде:
Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Бабаң айкөл Манастай, Баатыр болгун, эр болгун, Кабылан болгун, шер болгун! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Бабаң баатыр Манаска
Акыл-насаат кеп айткан,
Бабаң Бакай, Кошойдой, Акылы терең көл болгун, Түгөнбөс казына, кен болгун! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Акылы терең деңиздей,
Кеменгер болгун, кең болгун,
Бардык элге тең болгун,
Эрдиги элде сакталган,
Эне сүтүн актаган,
Элин сүйгөн эр болгун
Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Арбашкан жоо туш келсе,
Жоого каршы аттанган,
Ансайын күчөп ташыган,
Аркырап аккан дайрадай, Агыны катуу сел болгун, Ата Журт сүйгөн эр болгун! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Ата салтын уланткан,
Ардактап элин кубанткан, Семетей, Сейтек бабаңдай, Кызыл жалын чок болгун, Атылып турган ок болгун! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбегүм!
Куштар менен сүйлөшкөн Кушту таптап үйрөткөн, Мүнүшкөр болгун бөбөгүм! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Жылкы менен сүйлөшкөн,
Жылкыны таптап үйрөткөн, Саяпкер болгун бөбөгүм!
Кыз баланы терметкенде:
Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Каныкей сенин түп энең, Айчүрөк сенин чоң энең! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Айкөл баатыр Манаска, Атайлап арнап ак олпок, Ок өтпөс тиккен Каныкей! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Каныкейдей уз болгун, Калкың сүйгөн кыз болгун! Энең сенин уз болгон, Элин сүйгөн кыз болгун! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Акылы мол айлакер,
Алган жары кеменгер,
Аялдан чыккан уз болгун, Айчүрөктөй кыз болгун! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бебөгүм!
Эрендер менен аттанган,
Элин жоодон сактаган, Элинде даңкы сакталган,
Кыраан Манас кымбаты,
Карача кандын кыз Сайкал, Кыз Сайкалдай баатыр бол! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм!
Кыраандар менен аттанган,
Кыргыз деп ураан чакырган,
Кылымга даңкы сакталган,
Касташкан жоосун бас кылган, Жаңыл мырза эжеңдей, Жалпы элин сүйгөн баатыр бол! Алдей, алдей бөбөгүм, Алдей, алдей бөбөгүм! Ак эмгек менен жашагын, Алыска кетсин атагың!
Сал билек
Алдей, алдей ак бөбөк, Ак боз жорго мал белек! Алдей-алдей ак бөбөк, Айран, кымыз ич бөбөк!
Сал-сал билек, сал билек,
Сары майга мал билек,
Коён эки кош билек,
Кошуп алган ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк, Кунан койду сой бөбөк, Куйругуна той бөбөк!
Балдардын айбандарга, табигатка кайрылган ырлары
Кыргыз эл оозеки адабиятына балдардын айбандарга, табиятка кайрылып, аларды сүйлөтүп, же алар менен сүйлөшүп ырдаган ырлары бир кыйла салмакты ээлейт. Бул ырларда, негизинен, айбандардын өзүн өзү айтуусу негизги орунда турат. Кыргыз балдары кандайдыр бир жаныбарды көргөндө, ага карата «Сенин ырың» деп ырдап жиберет. Бул түрдөгү чыгармачылык балдардын тили менен айбандарды табияттын башка мүчөлөрүн сүйлөткөн, алардын оозу менен берген балдар адабияты болуп эсептелет. Анын аткарылышы ошол айбанды же табияттын кандайдыр бир мүчөсүн көргөндө аткарылат. Төмөндө үлгүлөр көрсөтүлөт.
Каак-каак каргалар Каак-каак каргалар, Камыш түбүн корголор.
Эштек байдын эки кыз, Эшек минип жорголор, Эшегине корголор.
* * *
Каркыра
Каркыра-турна желе тарт.
Желе тартсаң узун тарт.
Жездекеме салам айт.
Жете албасаң кайра тарт.
Торпогум
Жетим торпок байкушум,
Атка саман салганда, Аңдыганын кантейин.
Төөгө саман салганда, Тегеректегенин кантейин.
Алтыбайдын аралын,
Аралаган торпогум, Кыштан өлүп калат деп, Торпогумдан коркомун. Өлөң түбү көк дүмүр, Өлө көрбө торпогум. Бетеге түбү көк дүмүр, Жүдөй көрбө торпогум.
Турумтай
Куу-куу турумтай
Бетегенин түбүндө
Беш балаң калды турумтай. Суунун ичи шыргалаң, Сууда калды бир балаң. Муздун ичи шыргалаң, Музда калды бир балаң.
Кырмычык
Чоң казандын кырмычык, Тоё жедим тырмышып.
Кичине казан кырмычык Кырып жедим тырмышып.
Мышык
Мыёологон мышыгым, Чычкан алган кызыгып. Мышыгым-мышыгым,
Жүнүң жумшак эң эле, Жакшы көргөн ысыгым.
Бөдөнө
Бөдөнө бөлтөк,
Куйругу келтек,
Музга тайгаланып алыптыр, Кудайга зар сөз айтыптыр, Кудай жакшы көрүптүр.
Бытпылдык,
Аштык айдабай ит болдук.
Чикилдек оюну.
Чикилдектен жеңилген бала, чикилдектин бир чабым узундугунан, болбосо үч чабым узундугунан чуркаган бойдон төмөнкүчө ырдап келет:
Акбай,
Токбай,
Уяттары жок бай.
Катуу жорго кашка тай, Кадик болгон башка тай. Катуу чапса чарчаган, Жеткирбеген башкага.
Үстүндөгү жаш бала,
Уруп кетип аркага, Чабалекей чам-чум…
Баштыгым
Кодура терген баштыгым Чыкпай калды аштыгым.
Жакшылап отоп бакпаган А дагы менин жаштыгым. Атам кары, өзүм жаш, Бөбөктөрүм болот ач.
Тайлак
Татыраңдайт тайлагым, Сүт үстүндө каймагым. Каймагым көп болгон соң Көңүлүмдү жайладым. Ак тайлагым бакырат, Энекесин чакырат.
Ак тайлагым боздоду, Энесинин эмчектен Сүт куюлуп тоздоду.
Биздин кой
Биздин койлор төлдөдү, Айран, жуурат көлдөдү.
Козумду жүрөм кайтарып, Ит, куштун мизин майтарып. Көөкөрдө көөрчөк айраным, Көңүлүмдү жайладым.
Көпөлөк
Кармап алдык талаадан Калдыркан чаар көпөлөк.
Карагайдын ичинен Кыргый куудук бөпөлөп.
Улар
Илек-илек кашка куш,
Чөкөтаан деген башка куш.
Улуу тоодо улар куш, Уларды кудай унуткан. Кез-кезине келгенде Бүркүт кууп куруткан.
Айбандардын балдарын эркелеткени
Төө баласын сүйөдүр, тайлагым деп, Күлгө оонаса коркпогон, жайнагым деп. Жылкы баласын сүйөдүр, кулунум деп, Кырдан кырды аттаган дулдулум деп. Уй баласын сүйөдүр, торпогум деп, Караңгыда баспаган, коркогум деп. Кой баласын сүйөдүр, козугум деп, Эчтекени билбеген озугум деп.
Эчки баласын сүйөдүр, улагым деп, Таштан ташка секирген чунагым деп. Ит баласын сүйөдүр, күчүгүм деп, Күлдөн мурдун үзбөгөн бучугум деп.
Балдарын кордошуу ырлары. Кыргыз эл ооз адабияты ичинде балдардын кордошуу, маскаралашуу, ардантуу ырлары аябай өнүккөн. Балдардын кордошуу ырлары алардын жетилүүсүнө, өз айыбын актап, намыстуу болуусуна аябай таасирин тийгизген. Ар бир бала өзүнө бүйрө болуп, маскарага калбоого бөтөнчө маани берүүгө бул ырлар өз таасирин тийгизген. Кандайдыр бир айыпкыйыбы бар баланы эреже катары чыгарылган кордоо, маскаралоо ырлары менен жөнгө келтирген. Жана келип, балдар ар кандай убакта өзүнө айтылган кордоо ырларына ыр менен жооп кайтарууга, ырдын кубатынан пайдаланууга алып барып, кыргыз балдарынын оозеки адабиятта тасыгуусуна өбөлгө болгон, чечендик, чыгармачылыкка чыныктырган.
Балдардын оозеки кордоо ырлары чогултулган материалдарга караганда эки чоң топко бөлүнөт. Анын бирөө «Акыйнек айтышуу», дагы бирөө маскара ырлар.
Эликтөө. Эки айылдын кыздары суунун өйүз-бүйүзүнө туруп алышып, мындай кордошуу учурунда алардын сөз тапкычтыгы, мазмундуу ыр жаратуулары баарынан жогору турган. Акыйнек айтышуу – бетин сөөмөйү менен тырмап, же бетин чоюп, өзүнүн оюн ыр түрүндө бере алган. Бул «эликтөө» деп да айтылат.
Арийне, улуулардын, уяттуулардын, эркек балдардын, эне-аталардын көзүнчө минтип эликтөө, басмырлоо, мазактоо, кордоо, кемчиликтерин көзүнчө айтуулар болбогон. Мунун чыгышында атайын акыйнек айтышы эмес, күтүүсүздөн сөз табуу зарыл болгондой туюлат. Мындан да жеңилүүлөр, жеңүүлөр болот. Курч, өткүр, таамай, таасын айтуулар эске алынган. Алар муну өзүлөрү да моюнга алышат. Бирөөсү жеңилди болуп басып кетет. Акыйнек – кордоо ырларынын бир түрү. Кыздардын жекеме-жеке чыккан кемчиликтерин бетине айтуусу экени билинет.
Акыйнек айтышуу. «Манас» эпосунда берилген маанисине караганда, «Акыйнек» куштун аты кептенет. Бул канаттуу жандардын ичинде күкүккө окшош сайроочу куш болуп шакка конуп, алым-сабак сайраша турган куштар болгон.
Кыргыздардын балдарынын «Акыйнек айтышуу» ырлары да эки жаат боюнча, же эки бала алым-сабак айтышып ырдашат. Ошого акыйнек айтышкан кушка элестетүү түрдө, кыргыз балдарынын бул айтышуу ыр түрүн «Акыйнек» деп атап койгонбу деген ой келет.
Акыйнек кордошуу ырынын эң көлөмдүүсү болуп, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүдө зор майдан болуп берген.
Акый
Менин энем сурасаң,
Сыр аякка бал куйган,
Сенин энең сурасам,
Ит аякка кан куйган,
Илме тиккен мен энем,
Илелеген сен энең, Күрмө тиккен мен энем, Карын жыйган сен энең.
Менин атам сурасаң,
Арчалыга жайлаган,
Сенин атаң сурасам, Арпа ташып куураган.
Менин атам сурасаң,
Сулулата жайлаган
Сенин атаң сурасам, Соку жанчып куураган.
Сайма сайган мен энем,
Самсаалаган сен энең, Улуу тоонун боорунан,
Улар аткан мен атам,
Улуу кызын ыйлатып, Үйдө жаткан сен атаң.
Кичи тоонун боорунан
Кийик аткан мен атам, Кичи кызын ыйлатып, Үйдө жаткан сенин атаң.
Менин атам сурасаң, Жабыгынан ай чыккан, Жалпы атасы бай чыккан. Сенин атаң сурасам, Жабыгынан май чыккан, Жалпы атасы кул чыккан.
Менин атам сурасаң,
Башайы менен бел бууган, Манас менен тең тууган.
Сенин атаң сурасам, Курмушу менен бел бууган, Кулдар менен тең тууган.
Менин атам сурасаң,
Ала кийиз жазданган, Сенин атаң сурасам, Алдырган бука баштанган. Менин атам сурасаң, Өрө кийиз жазданган. Сенин атаң сурасам Өлгөн бука баштанган.
Менин атам сурасаң,
Укурук алып жылкы айдайт, Сенин атаң сурасам, Куургуч алып уй айдайт. Чериктердин кыздары, Чепкен бычкан турбайбы?
Челек-челек жарманы, Кептеп ичкен турбайбы.
Күйөөсү келет дегенде, Үй ордундай жерге,
Ойноп чыгат турбайбы?
Акыйнек
1-кыз: | – Акыйнек ырын ырдашуу, | |
Абалтан кыргыз салты экен, | ||
Акыйнек ырын улантуу, | ||
Атабыз кыргыз наркы экен! | ||
2-кыз: | – Ыр ырдашып, сындашуу, | |
Ыр жандуу кыргыз салты экен, | ||
Сынга сындай жооп айтсак, | ||
Атабыз кыргыз наркы экен! | ||
1-кыз: | – Сени атаң эртелеп, | |
Бел куда болгон белендеп, | ||
Жашың келди он үчкө | ||
Сени келин кылып алууга | ||
Кайнатаң той кыламын деп жүрөт. | ||
2-кыз: | – Сени болсо бел куда, | |
Болгон экен бешикте. | ||
Он төрткө жашың толо элек, | ||
Үй күтөр кезиң боло элек, | ||
Жакында сенин да тоюң келет деп жүрөт. | ||
1-кыз: | – Сени болсо топ кыздар, | |
Кийимин чактап кие албас, | ||
Кийсе да тыкан жүрө албас, | ||
Бээ сааганда этегин, | ||
Чарпый баса отурган, | ||
Чалма этек кыз деп жүрөт. | ||
2-кыз: | – Сени болсо көп кыздар, | |
Кийимин таза кие албас, | ||
Кийсе да таза жүрө албас, | ||
Көйнөгүнүн көкүрөгүнө сүт тамган, | ||
Дак болсо да көйнөгү, | ||
Тазалап, жууп албаган, | ||
Тазалыкка сараң кыз деп жүрөт. | ||
1-кыз: | – Сени болсо теңтуштар, | |
Ийри колго иш албас, | ||
Жалкоо кыз экен деп жүрөт. | ||
Келечек жолун байкабас, | ||
Аңкоо кыз экен деп жүрөт. | ||
2-кыз: | – Сени болсо жеңелер, | |
Жеңил кыз экен деп жүрөт. | ||
Жеңенин сыйын биле албас, | ||
Жеңени сыйлап жүрө албас, | ||
Көзүнчө мактап бийкеч деп, | ||
Жеңелериң артыңдан, | ||
Биздин кыз жеңил ойлуу деп күлөт. | ||
1-кыз: | – Сени болсо көп кыздар, | |
Уйкучу кыз деп жүрөт, | ||
Уй сааганда үргүлөп, | ||
Сүтүн төгөт деп күлөт. | ||
2-кыз: | Сени болсо айылда, | |
Кой келгенде короого | ||
Чачын жууйт деп жүрөт. | ||
Үй оокатка кош көңүл, | ||
Жалкоо кыз экен деп күлөт. |
Кордоо ырлары
Ууруга
Ууру, ууру
Уйдун богун жууру. Тамекенин ачыгы
Таңдай байдын күчүгү. Күч-күч, күч-күч.
Соргокко
Кардың ачса кака же,
Кабыргалуу бака же,
Тойбой калсаң бакага,
Тоңуп калган така же.
Өлөң-өлөң, өлөң же,
Өлөң чөптүн көтүн же, Бүрсүгүнү буудай же, Буурул чөптүн көтүн же. Соңгу күнү сомо же, Соргок болуп көбүн же.
Качаакка
Кетсең-кетсең кете бер, Керме тоого жете бер.
Балаңдын атын Мамай кой, Башын отко кактай кой, Майы чыкса жалай кой.
Чалайга
Чалай, чалай чалдырак, Казанга жапкан калдырак. Аны алып жеп койгун, Эрмат чалай чалдырак.
ЖАҢЫЛМАЧТАР
Жаңылмачтар балдар оозеки адабиятында басымдуу орунду ээлейт да, тилди тактоо, так сүйлөө, куюлушкан сөздөрдү төп айтуу максатында чыгарылган, көркөм, жорго сөздүү адабият болуп эсептелет. Жаңылмачтарды кээ бир жергиликтүү айтымдарда «тил сыдырмак» деп коюшат.
Жаңылмачтарды аткарууда балдар мелдеш боюнча айтып, жаңылгандарга белгилүү жаза берет, так айткан мөрөй алат.
Төмөндө үлгү катары бир нече жаңылмачтар берилет.
Ал аралда да марал,
Бул аралда да марал,
От экен маралга да арал,
Оттосун аралга да марал.
- * *
Аттап барып алты кучак отун алдым, Алты котур нарга артып алдым.
Ай, ай, Айдарбай! Кызыл мүйүз уюңду, Үйүнө айдай бар.
- * *
Алабатага алабаталатпастан,
Алабатага алабаталатып, Алабатага алабаталатабыз.
- * *
Асманда эки айры куйрук:
Бири ак кыска айры куйрук, Бири кара кыска айры куйрук.
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук Кара кыска айры куйруктун жолун тосот. Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук Ак кыска айры куйруктун жолун тосот.
- * *
Бадал арал, бадал арал,
Бадал аралда оттогон бала марал.
- * *
Түбөй беш кашка коюм, Бешөө беш башка коюм.
Коюм жыйырмага жетпей картаямбы, Картайган койду картайган койчу кайтарарбы?
- * *
Былык-былык, былык таш, Быкылдама кызыл таш. Таш бекен татак бекен, Таргылала матак бекен? Коргошундан кулак бекен, Кокуй караса чунак бекен?
- * *
Бул кайсы оозу май тайлак?
Бул кайдагы сары май бал каймак? Бул оозанган оозу май тайлак, Бул сур сары май бал каймак.
- * *
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томоголойт,
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томогологондо, Биз бүркүтүбүздү томого менен томоголобой, Ким бүркүтүн томого менен томоголойт.
- * *
Бир түп тыт,
Бир түп турп, Турп тытты түртөт, Тыт турпту түртөт.
- * *
Жогор жактан сел келет, Сегиз серке тең келет. Куйругун кумга малып келет, Сакалын сууга салып келет.
- * *
Сен эмне мага олураясың? Олураярыңа олурай!
- * *
Кудаяр менин кудам эле, Кудаяр мени кудалай албады, Же Кудаярды мен кудалай албадым.
- * *
Жаш кайышты токмоктошпойсуздарбы? Жаш бүркүттү томоголошпойсуздарбы?
- * *
Чамгаракта чарт элек,
Чартылдашкан эки элек.
Босогодо эки элек, Болтулдашкан эки элек.
- * *
Эртең аркарлар марчага марчалайт,
Эртең аркарлар марчага марчаласа, Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай, Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?
- * *
Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат,
Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырса, Биз кыргыйга кырк кыл куйрук алдырбай, Ким кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат?
- * *
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтат,
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтса Биз сыбызгыбызды сызгырылтпай, Ким сыбызгысын сызгырылтат?
- * *
Шалгамбайдын шагында бир түп тыт бар экен, Тыттын түбүндө бир түп турп бар экен, Турпту тыт түртүп туруптурбу.
Тытты турп түртүп туруптурбу?
- * *
Кырк кызыл куйрук, кызыл куйрук, Ичинде кызыл кылдырак кыл куйрук.
- * *
Жогортодон келемин шыргый минип, Шыргыйыма ыргый минип.
Белестеги беш кашка кой,
Бешөө беш башка кой, Бешаласы кунан кой, Бешаласы дөнөн кой.
- * *
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт, Көк көпөлөк көкөлөп өтөт, Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.
- * *
Кырк кыл куйрук,
Кырк кызыл куйрук, Кырк кыл куйрук ичинде, Ылгый кызыл кыл куйрук.
- * *
Кезек-кезек,
Тезек терсек, Керек дешет, Кезек тезек.
- * *
Көзү бүтүк,
Үч күчүк үшүп, Үч күчүк үшүп Үнү бүтүп.
- * *
Былкы-былкы, былкы таш,
Былкылдаган кызыл таш, Таар токум чаар таш, Тайгаланма кара таш.
ТАБЫШМАКТАР
Үйүбүзгө мейман келди,
Сүйлө десек алы жок,
Мингени бир сонун ат, Бирок анын жаны жок. Союшу бар эки кой, Эти бар да сөөгү жок.
(Бала, бешик, эмчек)
* * *
Күңгөйдөгү таш кудук, Тегереги ак кудук. Тескейдеги таш кудук, Тегереги ак кудук.
Бүркөлгөндө караңгы, Түнү түшкөн таш кудук. Ачылганда караңгы, Ааламга жеткен ак кудук. Ортосунда сары кыр, Оргуштап агат булагы. Жайкалып сонун көрк берет Бетеге, шыбак тулаңы.
Ойлонуп муну ким табат?
Адамда болот бу дагы.
(Ооз, мурун, мурут, көз)
Жар боорунда жалгыз казык.
(Чуңкур, киндик)
- * *
Аркы өйүздүн карагай Берки өйүзгө жыгылат. Берки өйүздүн карагай Аркы өйүзгө жыгылат.
(Уктагандагы кирпик)
- * *
Кичинекей медерим, Жер түбүнө жетерим.
(Көз)
- * *
Бир текче,
Бир текчеде жыш мыкча,
Биз-биз, биз элек,
Отуз эки кыз элек,
Бир тактага тизилдик, Бирден-бирден үзүлдүк.
(Тиш)
- * *
Бети кара безгелдек, Бешик чаап отурат. Кашы кара безгелдек, Кашык чаап отурат.
(Уста)
- * *
Тий-тий десем тийбейт, Тийбе десем тиет.
(Эрин)
- * *
Казан толо чий боорсок.
Ортосунда чоң боорсок.
(Тил)
- * *
Бассам басат,
Жатсам жатат, Чапсам чабылбайт, Көмсөм көмүлбөйт.
Караңгыда көрүнбөйт.
(Көлөкө)
- * *
Сакалын сүйрөп, Жалакай түгөт.
Жалбарат өксөп, Жамгырдан жүдөп.
(Эчки)
- * *
Муун-муун муунчак,
Муун сайын түйүнчөк,
Жети кыздын кенжеси Бакылдаган келинчек.
(Көгөн, козу-улак)
- * *
Топу бар, киерине чапаны жок, Муруту бар ээгинде сакалы жок. Пайдасы үй ичинен табылган соң, Талаага барып келер сапары жок.
От боюнда бополой семиз ыйлаган.
(Мышык)
- * *
Элең-элең, элең келер,
Этек-жеңин кыя келер,
Кон арыкка коно келер, Коктунун суусун иче келер.
(Карышкыр)
- * *
Калдыр-күлдүр каадак,
Жаны толгон саадак, Оттогону жылкыдай, Отурганы кишидей.
(Кирпи)
- * *
Карагандын түбүндө какаш сулуу отурат, Салпаң кулак келет деп ыйлап-сыктап отурат.
Жылмалыгы жыландай,
Оттогону куландай,
Отурганы адамдай, Жайкысын болчу жаныбар, Кышкысын болбойт бул кандай?
(Суур)
- * *
Төө ооздуу,
Бото көздүү,
Эшек кулактуу,
Эчки чычаңдуу,
Ат аяктуу, Кой жүндүү, Бул эмне табыңыз?
(Коён)
- * *
Муун-муун муунчак,
Муун ала түйүнчөк,
Сегиз кыздын энеси,
Селкилдеген келинчек, Узун-узун бою бар, Курамалуу тону бар.
(Камыш)
- * *
Кийгени кат-кат жашыл шайы, Бетин ачып кишини карабайт. Жашыл чачы саксайса да, Эч качан жууп тарабайт.
(Жүгөрүнүн сотосу)
- * *
Төрт бир тууган сапар чегет, Бирин бири кууп жетпейт.
(Арабанын дөңгөлөктөрү)
- * *
Дүйнөдө бир ажыдаар бар көрөсүңбү?
Жаркырайт жалгыз көзү төбөсүндө,
Кабырга башка сөөгү толуп жатат,
Жилик жок, бутсуз турат кабыргасын жерге матап.
(Боз үй)
- * *
Ай кучак, ай кучак.
Жыйып келсе бир кучак.
(Кереге)
- * *
Абайдын алты уулу,
Төбөйдүн төрт уулу, Кунан койдун куйругу, Ары шалп да, бери шалп.
(Үзүк, түндүк, эшик боолору)
- * *
Бир кыз бар жоолукчан, Ичинде балдары бар от жаккан. Күндүзү сыйрып ачылат, Түнкүсүн кайра салынат.
(Боз үй, туурдук)
- * *
Элебай атам өлөм дейт,
Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.
(Эки босого)
- * *
Адам кирсе ачылат, Сыртка чыкса жабылат.
(Эшик)
- * *
Чоңду-чоңду, чоңду куш,
Чоң дөбөгө конду куш,
Канаттары кайкы куш, Мурду жаман жайкы куш.
(Чатыр)
- * *
Буу-буу мундуз,
Мындан ары кундуз,
Ала кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү, Сокур кара буурасы, Бучук кана энеси.
(Ала кийиз оймосу)
- * *
Өзү узун көлөкөсү жок, Узун-узун уз кетет, Көлөкөсү жок кетет.
(Жол)
- * *
Караңгы үйдө каман күркүрөйт, Басалагы басып жатат, Сугалагы сугунуп жатат.
(Тегирмен)
- * *
Бир ит бар үрбөйт, Буттары жок, жүрбөйт. Уруксатсыз ал иттен, Ээси да үйгө кирбейт.
(Кулпу)
- * *
Өзүн жыйнаткан,
Бекем байлаткан, Шиштен башканы минбейт, Короого чыкса бийлейт.
(Шыпыргы)
- * *
Үйгө чыккан гүлкайыр,
Жайы-кышы соолубайт,
Тепсесе да бул гүлдү, Yй ээси такыр корубайт.
(Шырдак)
- * *
Жем жебейт, суу ичпейт,
Чарчоону түк билбейт, Колу жок уруп турат, Буту жок жүрүп турат.
(Саат)
- * *
Кара өгүзүм карап турат, Кызыл өгүзүм жалап турат.
(Казан, от)
- * *
Үчүкөнүн үч уулу үшкү тартып отурат, Айры сакал атасы атка минип отурат,
Тоголок кара баласы сууга тойбой отурат.
(Тулга, казан, кумган)
- * *
Уй курсак, тумшугу узун, бото мойнок,
Күйбөстөн өрт-жалынды кечет ойноп, Чалкалап сууну берсе– ичет, кусат, Ысапыз, оюнда жок тоюп коймок.
(Кумган)
- * *
Эки кулагы бар,
Төрт туягы бар,
Маңдайында күйүп турган чырагы бар, Ортосунда кайнап турган булагы бар.
(Самоор)
- * *
Кыйыктуу көйнөк кийген асыл таяк,
Көтөрсөм, тамчы… тамчы… этек жаят, Көз жашын табигаттын, же аптабын Өзүнө тосуп алат мени аяп.
(Калпак)
- * *
Тептим терекке чыктым.
(Үзөңгү)
- * *
Тап-тап, табышмак, Тай куйругуна жабышмак.
(Куюшкан)
- * *
Жылт этти, Жылгадан ашты.
(Ийне)
- * *
Ак дүйнөдө бир кемпир бар жалгыз аяк, Оозуна тиштегени чийден таяк.
(Ийик)
- * *
Аякка өтөт чай-чай,
Буякка өтөт чай-чай, Муну тапкан кишиге, Жүз жыйырма тай-тай.
(Араа)
- * *
Жайда бар да күздө жок, Акын деп айтат элибиз. Гүлдүү жерде, чөлдө жок, Кай жан бул ойлоп көр.
(Булбул)
- * *
Отуруп алып ичин ачам, Баатырларча аралашам.
Аябаган кызыкка батам, Аягына жеткенче шашам.
(Китеп)
- * *
Күнү-түнү тынбаган, Бөлө чапса сынбаган.
(Суу)
- * *
Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек.
Күндүз көрөм, Түндөсү көрбөйм.
(Күн)
- * *
Кырда кылыч көрдүм, Кылычымды түндө көрдүм.
(Ай)
- * *
Жеңил, бирок көзгө көрүнбөйт, Жара чапсаң бөлүнбөйт, Сууга окшоп төгүлбөйт.
(Аба)
- * *
Элексиз элеп, даяр ун берет, Жебейбиз аны, бирок турмушта керек, Ар жылда келет, бул эмне делет.
(Кар)
- * *
Кыш куйбай, ылай чылабай,
Ичи-тышын шыбабай,
Үй куруп алат кайсы уста, Балта, керки кармабай.
(Чабалекей)
- * *
Дүйнөдө бир макулук бар,
Беш ай туруп үйүнө өзү кайтар,
Күндө, күндө жаңылбастан бир сөз айтар, Ал сөздөн башка сөздү таба албаган, Кандай жан өз баласын өзү бага албаган.
(Күкүк)
Суроо-жооп табышмактары
- Акыл кайда,Кубат кайда, Уят кайда?
- Акыл – башта,Кубат – сөөктө, Уят – көздө.
* * *
- Ала-Тоонун боорунда,Ат ойноткон ким экен?
- Жылкычы.
- Алтын тондун жакасын Тек кайырткан ким экен? Алтын казык кактырып, Бек байлаткан ким экен?
- Бүркүтчү.
- Көтөрүмдүүнүн көтөрүмдүүсү кайсы?
- Эл
- Таттуунун таттуусу эмне?
- Таттуунун таттуусу – жан.
- Ширинден ширин эмне ширин?
Катуудан катуу эмне катуу?
Оордон оор эмне оор?
- Ширинден ширин жар ширин.Катуудан катуу жокчулук, Оордон оор төрт түлүк мал.
- Аяттын оозу кайсы?
Түбү кайсы? – Оозу бысмылда, Түбү аллоакбар.
- Тарлыктын тарлыгы кайсы?
- Тарлыктын тарлыгы – өкүмү күч хандын асты.
- Жердин ээси ким?
- Дөбө.
- Суунун ээси ким?
- Булак.
Кептин ээси ким?
- Кулак.
Жумшактын жумшагы эмне?
- Кебез.
Катуунун катуусу эмне?
- Таш.
- Ачуу менен таттууну бирдей берген ким экен?
- Туз.
Суунун атасы ким?
Жолдун атасы ким?
Сөздүн атасы ким?
- Суу атасы – булак.
Жол атасы – туяк.
Сөз атасы – кулак.
- Соонун атасы ким?
- Жан.
- Дүйнөдө ким берекелүү?
- Жер.
- Эмне отсуз күйөт?
- Күн.
- Кезектешип жарык берген эмне?
- Күн, Ай.
- Асман, жерди бүркөгөн күңүрт нуру не болот?
- Булут.
- Мээрими менен нур берип, жылытып турган не болот?
- Күн.
- Дүйнөдө эмне күлүк?
- Ой.
- Дүйнөдө эмне кызык?
- Турмуш.
- Дүйнөдө эмне күлүк?
- Кыял (Санаа).
- Дүйнөдө эмне күчтүү?
- Илим.
- Дүйнөдө эмне таттуу?
- Уйку.
- Дүйнөдө баарынан эмне семиз?
- Баарынан семиз – жер.
- Эмнеде каймак жок?
- Кара сууда каймак жок.
- Эмнеде тамыр жок?
- Ташта тамыр жок.
- Эмнеде көпүрө жок?– Көлдө көпүрө жок.
- Эмнеде тирөөч жок?
- Асманда тирөөч жок.
- Эмнеде жан жок?
- Дөңгөчтө жан жок.
- Эмнеде тил жок?
- Балыкта тил жок.
- Эмнеде кан жок?
- Чөптө кан жок.– Эмнеде өт жок?
- Жылкыда өт жок.
- Эмнеде сүт жок?
- Кушта сүт жок.
- Эмнеде түк жок?
- Жыланда түк жок.
- Эмнеде кыр жок?
- Кыңырыкта кыр жок.
- Эмнеде сыр жок?
- Чыңырчакта сыр жок…
- Аркайган кара тоо өлөбү?
- Бетин туман басканы.
- Тийип турган күн өлөбү?
- Бетин булут чалганы.
- Калдайган кара жер өлөбү?
- Кар астында калганы. – Аккан суу өлөбү?
- Муз астында калганы.
- Чекилдектин түбүндө чекилдеткен ким экен?
- Ийикчи.
- Асман менен жердин ортосу канча?
- Каш, кабак.
- Төгөрөктүн түбүндө төкүлдөткөн ким экен?
- Кырманчы.
- Ким сүйлөбөй окутат?
- Китеп.
- Кара тоонун боорунда карап жаткан ким экен?– Саятчы.
- * *
Кап оозу кийиз Карга оозу мүйүз.
Кой баласы шишек, Аны таппаган киши эшек.
Кап оозу кийиз эмей эмне,
Карга оозу мүйүз эмей эмне, Кой баласы шишек эмей эмне, Аны таппаган киши эшек эмей эмне.
- * *
Муун-муун мундуз,
Муун ала кундуз,
Аба кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү,
Кап оозу – кийиз,
Карга оозу – мүйүз Кой баласы – шишек. – Муун-муун мундуз Мундуз эмей эмне? Муун ала кундуз, Кундуз эмей эмне? Аба кийик териси Териси эмей эмне? Алты кочкор мүйүзү, Мүйүзү эмей эмне?
- * *
Кап оозу – кийиз, Кийиз эмей эмне? Карга оозу – мүйүз, Мүйүз эмей эмне? Кой баласы – шишек, Шишек эмей эмне?
- * *
- Ай аяктай болгону, ал эмине болучу?
Күн күрөктөй болгону, бул эмине болучу?
Тоо томуктай болгону, бул эмине болучу? Сууң сукан тартканы, бул эмине болучу?
- Ай аяктай болгону, ай тийгени эмеспи, Күн күрөктөй болгону, күн тийгени эмеспи.
Тоо томуктай болгону, күн жааганы эмеспи.
Сууң сукан тартканы, суу киргени эмеспи.
- Асмандан бийик эмне?
- Асмандан бийик текебер.
- Суудан терең эмне?
- Суудан терең – окуу.
- Октон күлүк эмне?
- Октон күлүк – санаа.
- Уудан ачуу эмне?
- Уудан ачуу – жокчулук.
- Кардан муздак эмне?
- Кардан муздак – калган көңүл.
- Оттон ысык эмне?
- Оттон ысык – жан.
- Казана деген эмне?
- Көпчүлүк калк.
- Мүлк деген эмне?
- Кадыр-көңүлү калбаган сөөк.
- Эр эгиз деген эмне?
- Бирин бири сыйлаган, эли-журтуна пайдасы тийген аял-эркек.
- Эмгектүү жалгыз деген эмне?
- Бири-биринен ажырашып калган аял-эркек.
- Канат эмнеден болот?
- Жакшы санаган ага-ини, сөөк-тамыр.
- Манат эмнеден болот?
- Манат койдун жүнүнөн болот.– Санат кайдан чыгат?
- Нускалуу карыялардан чыгат.
Бир карыядан бир жигит суроо сурайт:
- Экөө менен кандайсың?
- Экөө үчөө болду.
(Бутка таяк кошулганы).
- Алыс менен кандайсың?
- Алыс дагы алыстан ары кетти – дейт.
(Көзү көрбөй калганы).
- Жакын менен кандайсың?
- Күндө үч убак карсылдашабыз.
(Тиш менен жаактын тамак чайнаганы).
- Кабарчы менен кандайсың?
Нез кара болгон дарттайбыз? (Кулактын укпаганы).
* * *
- Жол узуну не болот?
Чөп узуну не болот?
Элдин чоңу ким болот? Токтобостон агуучу, Суунун чоңу не болот?
Оңой ушул нерсени, Кана тапчы сен ойлоп?
- Жол узуну – кыядыр.
Чөп узуну – мыядыр,
Элдин чоңу – карыя, Токтобостон агуучу Суунун чоңу – дарыя.
Кана айтчы табышмак, Оозуң минтип жабылмак: – Долононун топ бутак, Такылдаткан ким болду? Эки жыгач боорунан Эптей турган ким болду? Жарты жыгач боорунан Жарып алган ким болду?
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан ким болду? Ала-Тоонун боорунан, Ат ойноткон ким болду? Кара-Тоонун боорунан,
Казан аскан ким болду?
– Долононун топ бутак,
Такылдаткан токмокчу, Эки жыгач боорунан, Эптей турган комузчу. Карагай менен ыргайдын Башын бууган түндүкчү. Жарты жыгач боорунан Жарып алган челекчи.
Ак жамынчы жамынып Кериге чыккан жылкычы.
Ала-Тоонун бооруна, Ат ойноткон мергенчи. Кара-Тоонун бооруна Казан аскан саятчы. Табышмагың таптымбы Оозуңду жаптымбы?..
* * *
Сапар шаанын (хандын) элине айткан,
7 табышмагын кызы Анвар шаа тапкан экен.
Дүйнөдө ким күчтүү?
- Дүйнөдө учкул кайсы?
Баатыр деген эмне?
Коркок деген эмне?
Жакшы деген эмне?
Жаман деген эмне?
Жаманга даба кайсы?
- Эл күчтүү, элди-журтту баш ийдирип турган падыша күчтүү.
Ой, санаа учкул.
Баатыр – жүрөктүү тайманбас адам. Баатыр болмок жүрөктөн, Балбан болмок билектен.
Эки көзү бар – сокур, кулагы бар – дүлөй, Тили бар – дудук, элге пайдасыз адам – коркок. Даанышмандын булагынан суу ичкен, Эл үчүн камкордук көргөн адам.
Өз башын көккө ыргытып мактанган, көйрөң, элди эмес өз жанын жакшы бакпаган адам.
Жаманды алдап катарга кошуу, окутуу, тарбиялоо Ошондой болсо да эл оозунда: «Жаманга даба жок» – дейт.
* * *
Анвар шаага агасы
Алхактын айткан табышмагы:
- Он сегиз миң ааламдын энеси ким?
Эмчеги кайсы?
- Он сегиз миң ааламдын атасы кайсы?
Ардагы кайсы?
- Он сегиз миң ааламдын энеси – жерЭмчеги – эл-журт. Атасы – күн, Ардагы – суу.
* * *
- Куу карагай башынан, Куулап өткөн ким болду? Жаш карагай башынан, Жалап өткөн ким болду? Жашты кууну аралап, Сурап өткөн ким болду? Кара-Тоонун боорунан, Капталдай көчкөн ким болду? Кара чоку башынан Ат ойноткон ким болду? Эки жыгач боорунан Эптеп алган ким болду?
Жалгыз жыгач боорунан Жамап алган ким болду? Узун сая жыгачтын Учун кескен ким болду?
Эки кырга конорбу, Эмки айткан сөзүңдү
Эптебей тапсам болобу?
Жалгыз кырга конорбу? Жаңкы айткан сөзүңдү
Жамабай тапсам болобу?
- Куу карагай башынан,Сурап өткөн Алмамбет. Кууну жашты аралап, Жалап өткөн Алмамбет.
Жаш карагай башынан Жашты кууну аралап, Сурап өткөн Алмамбет.
Кара-Тоонун боорунан,
Капталдай көчкөн жылкычы,
Кара чоку башынан
Жамап алган комузчу,
Акыны элем ырчынын
Ар жыйындын ичинде, Сен өңдөнгөн балдарды
Албарсты баскандай кылчу элем,
Торусу элем жылкынын Торгою элем ырчынын Жээрдеси элем жылкынын…
* * *
- Сөздүн башы эмне? Суунун башы кайсы?
Жолдун башы эмне?
Күндүн батышы менен чыгышы нече күндүк жол?
Асман менен жердин ортосу нече күндүк жол?
Калп менен чындын ортосу нече күндүк жол?
- Сөздүн башы – кулак.
Суунун башы – булак.
Жолдун башы – кыя.
Күндүн чыгышы менен батышынын ортосу – бир күндүк жол, эртең менен чыгып, кечинде батат.
Асман менен жердин ортосу – каш менен кабактын ортосундай.
Калп менен чындын ортосу – төрт эли; көз менен көргөн чын, кулак менен уккан калп.
- * *
- Төбөңдөгү төрт жылдыз, Батар жери кайда экен? Төрт авлия, бир азиз Жатар жери кайда экен?
Пешенеңде беш жылдыз, Батаар жери кайда экен? Беш авлия, бир азиз, Жатар жери кайда экен?
- Төбөңдөгү төрт жылдыз,
Батар жери кыбыла,
Төрт авлия, бир азиз, Жатар жери Медина. Бешенеңде беш жылдыз, Батар жери кыбыла.
Беш авлия, бир азиз,
Жатар жери Медина.
- * *
- Ташын алып салбаганСууда бүтүн бар бекен?
- Ысык-Көл.
- Бооруна кетмен чаппаган,Тоодо бүтүн бар бекен?
- Берик таш ата.– Темингисин тер кылбай, Жорго минген бар бекен?
- Баба өмүр.– Эшик башы түргөндөн, Эңип алган бар бекен?
Жылкы башы төргөндөн Жылкы тийген бар бекен? – Эр Манас.
- * *
1–9га чейин:
- дегениң – Бир кудай.
- дегениң – Эки адам жол жүрсө зерикпейт.
- дегениң – Үлгүлүү топ бузулбайт.
- дегениң – Төрөлүү журт азбайт.
- дегениң – Белгилеген буюм жоголбойт.
- дегениң – Аркандалган ат алыс кетпейт.
- дегениң – Жетесиз жаман оңолбойт.
- дегениң – Серкесиз кой суу кечпейт.
- дегениң – Тойбогон бай томояктын аялынан үмүт кылат.
КАЛПТАР
Чоң чымын
Жылкы жайып, аң уулап чыктым желип, Сан-Таштан төрт бугу аттым, он беш элик.
Эликти бөлүп жарып, артып алып үйгө келдик. Тайымды таң ашырсам «кудай» урган экен, Мамыдан каргып түшүп турган экен. Ооздуктан он беш жигит алган экен, Ошондо да ары-бери чалган экен.
Жолум болгон Сан-Ташка келдим эми,
Санаамдын калыстыгын «кудай» билип,
Чымынымды чымын баатыр тууган экен, Ок салдым мылтыгымдын ичин сылап, Өңүп бардым «кудайга» таза ыйлап. Төшү деп өпкө-боордон атты элем, Чымыным тоодой болуп кетти кулап. Чымыным кулап кетти туура-туура, Алдыңда миң карагай паара-паара. Териси чымынымдын шоңдо калды, Беш жигит он өгүзгө чана салды.
Чана менен алып барып сууга салып, Алтымыш бычак курчутуп, жүнүн алды. Токсон көөкөр, кырк саба бычып алды, Шондо да төрт бучкагы артып калды. Чымынымды чымын баатыр тууган экен, Чымындын нык семирген убагы экен. Томугу тогуз карыш казандан чоң, Кар жилиги өгүздүн белинен жоон.
Улак чымын
Бир адам бир ак бараң сатып алып, Бир жайлоонун башына чыккан экен. Бир топ чымын уктап жаткан экен, Бириндетип жүрүп бирин аткан экен. Урап кетти урандынын башынан, Кырк карагай, он арча кулап кетти. Барса, чымындын үлкөсү эмес, улагы экен, Куп семирген убагы экен.
Отуз уулу кырк өгүз айдап алды, Терисин сыйрып, эки өгүзгө арта салды.
Отуз сегиз өгүзгө этин артты, үйгө барды, Отуз саба, кырк көнөк кесип алды, Отуз уул чокойго ултаң алды.
Жана ошондон ашканы –
Бир түндүк, бир жабуудай артып калды. Жана бир кемпир убак-чүйөк майын жыйып, Алты каптын оозун бууп алды.
Чегиртке минген киши
Көпөлөктүн сүтү менен бет жуугамын,
Айт-арапа күнү болгонунда,
Чегирткенин тору айгырын минип алып, Чекчириле кыз куугамын.
Чылым тарттым көпөлөктүн куу башынан, Чыкта түйдүм боз торгойдун чуудасынан.
Айыл кечпеген дайрадан кечип чыктым,
Чегирткенин тору айгырын минип алып туурасынан.
* * *
Чоң атам туула электе,
Чоң атамдын жылкысын кайтардым.
Тууй элек бээни саап, Тиге элек сабага куюп, Ичпей мас болдум.
Чыга элек талдын чырпыгынан
Укурук кыйып,
Эше элек жиптен боо тагып бара жатсам
Чыга элек табылганын түбүндө Туула элек коён жатыптыр.
Жасала элек таяк менен урдум эле Казыла элек ийинине кирип кетти.
* * *
Келе жатсам үч там туруптур, Экөөнүн төбөсү жок, Бирөө төбөсү тешик. Ал үч тамга кирсем Үч казан туруптур. Бирөөнүн төбөсү тешик, Бирөөнүн түбү жок.
Түбү жок казанга
Жаны жок балыкты салып, От жакпай бышырып Жебей тойдум.
Ийнелик менен киши
Чылбыр эштим чымчыктын чуудасынан, Чылым кылдым чымындын кайышынан. Калп жомок сиз да айтыңыз, мен да айтайын, Ак дайра өтө чыктым туурасынан. Чымчык союп, сыртынан айыл алдым, Бирди союп ичинен майын алдым. Аттын баскан жерине кайырмак салып, Узундугу кырк кездей жаян алдым.
Ак серкени минип алып арка кеттим, Көлбаканын сөөгүн көпүрө кылып, Көз жетпеген дайрадан ыргып өттүм.
Ийнеликти минип алып соно куудум,
Үч күн жатып сонону коно куудум, Жыгылып ийнеликтен бутум сынып, Эми ийнелик минбеске тобо кылдым.
Бир дөбөгө чыгыптыр бир топ ыраң,
Ал дөбөнү жайлайт экен эки түрлүү аң, Жарыктык чөбүн жебей, жерин жеди, Куданын кудуретине болдум айран.
Чынчыл киши аткан чымын
Калп айтып кары-жашка бирдей жактым,
Кайтарып кумурсканы койдой бактым, Айгырын чегирткенин чертип минип, Башынан кара тоонун түлкү кактым. Бооруна кара тоонун жетип барсам, Жолборсту чычкан чайнап өлтүрүптүр. Бир жайдан чычкан көрдүм андай семиз, Чымындан чыгат экен мындай семиз.
Чымындын жык семирген убагы экен, Томугу тогуз карыз казандай бар,
Жилиги кара өгүздөн жоон экен.
Ойлонуп он беш жигит жыга салды,
Терисин денесинен сыйрып алды,
Алтымыш бычак курчутуп жүнүн алды, Терисин сүйрөп барып сууга салды. Он бучкак, он беш саба бычып алды, Анда да төрт бучкагы артып калды.
Кырк ооз калп
Кичинемде турна бактым,
Арка-арыгына жабуу жаптым,
Өз энемдин ичинде экенимде
Чоң атамдын жылкысын бактым,
Чоң атамдын баскан изине көл токтоттум, Көл токтотуп, кырк кулач балык алдым, Балыгымдын жон терисин тилип алдым.
* * *
Олтуруптур дегенде олтуруптур,
Карагайдын башына,
Кайнап-кайнап көл туруптур,
Бир кумурска менен бир карышкыр күрөшүп туруптур, Карышкырды кумурска өлтүрүптүр. Кумурсканы кой кылып кумга жайдым, Чегирткени ат кылып черге миндим.
Чегирткени куш кылып көл кыдырдым,
Чылым кылдым чычкандын куу башынан
Чылбыр эштим торгойдун чуудасынан.
Бир торгойдон бир табак сөөк алдым, Сөөгү менен көккө көпүрө салдым Башкасы калп болсо да, ушунум чын.
Бир жылы аштык бакканда
Бир жылы аштык бакканда,
Пычанды калың чапканда,
Чымын менен чымчыштым,
Көгөөн менен көрүштүм,
Чиркей менен чиркештим, Аары менен арбаштым.
Аары чакты мойнумду,
Аары кууп берди такымдап, Качып бардым жакындап.
Жакындап кирип келгенде,
Качайын десем дарак жок,
Колумда чолок камчыдан башка жарак жок.
Жакындап кирип келгенде
Камчымды бүктөп туруп бир чаптым,
Бел көчүк кисесин сый чаптым, Ийнелик минип соно куудум, Ал сонону эки күнү коно куудум. Эки күнү коно кууп, Ал соного жете албадым.
Андан кийин ал сонону
Куубаганга тобо кылдым, Чака курт минип коён куудум, А коёнду эки күнү коно куудум. Эки күнү коно кууп, Үстүнө баса минип алдым.
Үстүнө баса минип бара жатсам,
Бир четке барганымдан соң
Таш баканын үстүнө ыргып миндим,
Өзүмдүн шамдагайлыгымды мындан билдим,
Бир күлүгүмдү суутуп алты ай миндим,
Аягына жем түшүп өлө жазды,
Бир чегирткенин бир санын сууруп алдым, Өзүмдүн балбандыгымды мындан билдим.
Бир чегирткени таптап миндим.
Көлдөлөңдүн сазына көк бөрү тарттым,
Төрт коңузга жүк артып, түндө көчтүм,
Жаныбарымдын аргамжысын кылдан эштим.
Бир коңузга куржун салып минип алдым, Аттан үркөт деп башын тарттым,
Каткан кардын үстүнөн күрт-күрт желдим.
Бир жолборс менен бир карышкыр
Бир жолборс менен бир карышкыр
Кармашып туруптур,
Жолборсту карышкыр басып алып жеп туруптур. Башкасы калп болсо да, ушунум чын.
Ууга чыкканда
Бир күнү айлыбыз ууга чыкты,
Айлыбыз ууга чыккандан кийин мен да бардым.
Кашка байталымды минип алдым,
Минип алып бара жатсам,
Бир жерге барганымдан кийин
Кашка байталым бир кашка кулун тууп берди
Кашка кулунумду ошол жерде токунуп минип алдым
Минип алып, желип бара жатсам,
Бир жерде алты элик турган экен,
Алты эликти атып алдым,
Бут-бутунан байлаштырып, Кулунумду артып алдым.
Үстүнө баса минип алдым,
Үстүнө баса минип кетип бара жатсам,
Кашка байталым башы-көзүн калтаңдатып баспай калды.
Баспай калганын минип алдым,
Ыйык жалдан кармап алдым,
Байталымды алдыма басып алдым,
Алты күнчүлүк жолго
Кулунум менен бир куптанда жетип алдым.
Башкам калп болсо да ушунум чын.
Кашка чымын
Бир күнү айылыбыз ууга чыкты.
Айлыбыз ууга чыккандан кийин мен да чыктым
Бир жерде калың карагай турган экен, Калың карагайды аралап бара жатсам Бир кашка чымын жаткан экен. Ушу чымындын колунда
Отун алуучу балтасы бар экен.
Ошо жерде келберсинип,
Эки бутун эки карагайга арта салып,
Башын бир карагайга жөлөй салып жаткан экен.
- * *
Өлөң түрүндө айтылган калптар
Мөл туруптур дегенде мөл туруптур, Кеште сайып байдын кызы олтуруптур. Карагайдын башында көл туруптур, Байдын кызы көк аскада олтуруптур.
Чымын экен дегенде кымын экен, Чылым чектим чымчыктын куу башынан, Чылбыр эштим чычкандын чуудасынан.
- * *
Чымынды чымын тууган экен, Чымындын чың семирген убагы экен. Бир кашка чымын жаткан экен, Бир бутун карагайга арткан экен. Аны бир адис мерген аткан экен, Тогуз мерген келип сойгон экен.
Териси алтымыш саба, кырк көнөк болгон экен.
- * *
Болтуруптур дегенде болтуруптур, Бир карагай башында мелт-калт көл туруптур. Бир бөрүнү бир коён тээп өлтүрүптүр.
- * *
Мен жогортодон келемин өлөң жүктөп, Он эки кап өлөңдү тоого теңдеп.
Көпөлөктүн сүтүнө көнөк толгон, Чегирткенин башына бүркүт конгон.
Ким айтат
Ысык-Көлдө балык бар, Балык бар деп ким айтат?
Байдын уулу карга айтат.
Карга айтат деп ким айтат? Карап турган киши айтат Киши айтат деп ким айтат?
Кишендеги тай айтат.
Тай айтат ким айтат?
Таякелүү Кутка айтат.
Кутка айтат деп ким айтат?
Кудуктагы бака айтат.
Бака айтат деп ким айтат?
Бакырып турган эчки айтат.
Эчки айтат деп ким айтат?
Энеси өлгөн теке айтат.
Теке айтат деп ким айтат?
Термечиктин уулу айтат.
Уулу айтат деп ким айтат? Капка салган ун айтат.
БАЛАГА КАРАТА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР
Балага жаңы кийим кийгизээри менен өөп кой.
Атың аксаса, баланын заарасы менен жууп кой.
Баланын кир суусун караңгыда сыртка төкпөйт.
Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка калтырбайт.
Баланын таманынан өппө.
Жалгыз уктаганда башына нан, бычак кой.
Күүгүмдө баланы көрбөйт.
Караңгыда кыз бала сууга барбайт.
Жаш баланы күзгүгө көрсөтпөйт.
Жаш баланын салмагын айтып, татынакай дебейт.
Кур бешикти терметпейт.
Түн ичинде баланы атынан чакырбайт.
Балага байланыштуу эмдөөлөр, ырымдар
Жүрөгү түшкөндө. Бала ооруп, куса баштайт. Башындагы эмгеги бөксөрүп калат. Ал – жүрөгү түшүүнүн белгиси. Ошондо кол менен жүрөгүн көтөрөт да, оозун ачтырып, сөөмөйдү салып, далыга апаптайт. Кичине күмүш балка менен ар бир мүчөсүнө тийгизип: «Менин колум эмес, Умай эненин колу» – деп үч маал ушинтет.
Көз тийгенде. Бирөөлөрдүн көзүндө, бирөөлөрдүн сөзүндө болот. Бала башкачараак көрүнө түшсө, башкалардын эле эмес, ата-энелеринин да көзү түшүп, балага кирине кирет. Мында да бала ынтыгып ооруп, тамака табити тартпай калат. Ошондо оттун күлүн чыныга толтура салып, үстүн жаап алып, таманынан, алаасынан тартып бардык мүчөлөрүнө тийгизет. Муну үч курдай ушинтип, улам эмдеген сайын күлдөн чымчып алынып турат. Чынынын даана бөксөргөнү – балага кирине киргени, мүчөнүн көзү тийгени. Же болбосо ошол көзү тийген адамдын кийиминен кичине кайчылап алып аны күйгүзүп, балага жыттатса да болот. Мындан башка тумар чийип берүү айла-амалдарын жасашкан.
Непадан бөбөк бирөөлөрдүн көзүнчө кийинип, татынакай көрүнүп, талтөөндөй сайрап туруп эле кокустан күтүүсүздөн эти ысып, кусуп, тамакка табити тартпай, улам арыктай берсе, муундарына бирдемелер чыбырчыктай чыкса, ага «көз тийди», «кирине кирди» болот. Андайда, нанды сындырып 7–9 бөлүп, этек башына тийгизип көрсөтүп, итке суктап берет. Ошону менен иттин сугу өтүп айыгат. Эмчи, домчулар балага кирине кирбөө, арууркап калбоо, көз тийбөө үчүн бөбөктөрдү өтө эле кооздоп кийгизбеген; көз мончок таккан; жети ташты денесинин ыңгайлуу жерине каткан.
Тамак ооруганда. Баланын тамагы ооруганда кызара түшөт, жөтөлөт, тамагы кырылдайт. Мында кара тузду майда талкалап, сөөмөй аркылуу оозун ачтырып, үч күнгө басат. Мындан кийин без болбойт.
Бала төрөттөн токтолбосо. Төрөлгөн баланы карышкырдын жаагынан (оозунан) акырын өткөрөт. Кошуналарына берип бактырып, кайра «сатып» алат; Көчкөндө журтка баланы бешиги менен таштап, кайра имерилип келип эңип кетет.
«Адамга ит» ырыскылаш деп, ит менен эмчектеш кылган. Айрымдары ырым күтүп, баланын тумоосун кеспей койгон ж.б.у.с. алакеттен өткөрүшмөк.
Аш-тойлорго же куда-сөөккө барып, сый-урматтарын көрүп, кайра кайтаарда ал жышаандуу жерден ниети чапкандар бирдемелердин (мисалы: чыны, кашык, чөйчөк, табак, бычак, камчы ж.б.) кытый чыгат. Ал балалуу болууга, баласы токтобой жүрсө, токтоп калар бекен деп, баланын аман-эсен чоңоюшуна, ойдогудай өсүшүнө тогоп ырым-жырымдалат.
Эмчек эмдөө. Эмчек эмдөөдө жаш чагынан эгиз төрөгөн байбиченин колу да, кепичи да эм берген. Т.а., бала эмген эмчек чочуп калса, эмчекке оорутпай, ырым-жырым сөздөрүн ичтен купуялап, колун, кепичин тийгизип койгондо, эм-дому түшкөн деген ишеним да айтылып келүүдө.
Эркек наристе токтоп-токтоп сийсе. Мында да ой жоруулар болгон. Андайда: «Артынан кыз ээрчитип келет»,– дешкен. Эркек бөбөктөр кыздарга үйүр болсо, ошолордун оюнун кошо ойносо, мында да: «Бул бала кыз бөбөктүү болот»,– дешчү. Албетте, көпчүлүк ишеним төп келүүчү учур да бар.
Бала чүчкүргөндө тамашалуу ырым:
Ак чүч,
Айран ич,
Кырга чык,
Кымыз ич.
Карышкырдын чүкөсү. Жаш балдар бөрүжатыш болот. Ал – тери оорусу. Кандайдыр тери көөп быткылданып чыга калат. Ошол чакта байбичелер карышкырдын чүкөсүн эзип, этке ырымдап сүйкөйт. Же терисин жипке байлап, мойнуна тагат.
Чүчөктү эмдөө. Наристелер алты айлыгынан тартып, көбүнчө буламык ж.б. тамактарды жеп, эмчектен ашка аралашкан чакта чүчөк боло баштайт. Көтөнүнүн ичинин тегереги кызарат, бала ыйлайт, ыйынып бат-бат чычып калуусу – чүчөк болуусу.
Ошондон энелер билет. Ширеңкенин күкүртүн, таранчынын богун, койдун куйрук майына көөлөп салуу зарыл. Кийинчерээк гезиттин ышын кебезге сүйкөп салышкан. Азыр тиш сыкманы (пастаны) такай колдонушат. Балага айтылган нускоо
Атага акаарат кылба.
Колуңду аркаңа алба.
Мылтыкты аттаба.
Оң сүйлө.
Аркан чыйратып жатканда алдынан өтпө.
Оң жамбашың менен жат.
Жыйылган жүккө жатпа.
Түндүктү оң жагынан тарт.
Бут кийимди оң кой.
Чыгышты карап түкүрбө, ушатпа, суу чачып сөгүнбө.
Чыгышты тээп жатпа.
Жаткан адамды аттап өтпө.
Күн менен Айды карап сөгүнбө, түкүрбө, ушатпа.
Баш кийимди теппе, ыргытпа, белекке бербе, алмашпа, сатпа.
Отко сыйын.
Жаш туруп желбегей жамынба.
Отту тегеренбе.
Отко түкүрбө, суу чачып өчүрбө.
Тулганы теппе.
Бут кийимди төргө койбо.
Төгүлгөн күлгө ушатпа, отурба, ойнобо, тебелебе.
Коломтону аттаба.
Нан менен кол аарчыба.
Нан ырыскың – аны тепсебе, жаман дебе.
Нанды ыргытпа, тебелендиге таштаба.
Нанды көмкөрөсүнөн койбо.
Чыныны чертпе.
Адамды айланып чуркаба.
Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
Мал короого, атканага даарат ушатпа.
Жылдыздарды санаба.
Кыбыланы, күн чыгышты карап заара кылба.
Кудукка түкүрбө.
Эшикти тээп ачпа.
Аккан сууну сабаба.
Мазарды, мүрзөнү сөөмөйүң менен көрсөтпө.
Булактын көзүн ач, булгаба, ыйык сакта.
Кетмендин башын тебелебе.
Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол.
Кишилерди санаба, боюңду карыштаба.
Тамак ичип бүткөндө өзүңдөн улуудан мурда кол аарчыба.
Ат жалына бут чыгарба.
Итти теппе.
Улууну урматта, кичүүнү ызатта.
Агын сууну булгаба, чачпа, төкпө.
Коноктун колуна жылуу суу куюп, батасын ал.
Жуугандан кийин колуңду силкпе.
Кир сууну жолго төкпө.
Канды тебелебе.
Жалгыз даракты кыйба.
Жети атаңды бил.
Суу көтөргөн баканды аттаба.
Жандууга жамандык кылба.
Намыскөй бол.
Атаң барда эл тааны.
Атаны, улууну урматта.
Жаман түшүңдү сууга айт, суу менен агып кетсин.
Чабалекей менен шилекей алышып достош.
Энени, аялзатты сыйла.
Колуңду тамчыга жууба.
Баш кийимди тепсебе, теппе, жерге таштаба.
Баш кийимди тетири каратып кийбе.
Баш кийимди сатпа, алмашпа, жоготпо, ыргытпа.
Баш кийимди жөнү жок тегеретпе.
Мойнуңа куруңду салба.
Үй ичинде ышкырба, үйдү айланып чуркаба.
Ата-энени ардакта, колуңан келгенче өмүр бою сыйла.
Бирөөгө жамандык кылба, каргыш тукум кууйт.
Атага акаарат кылба.
Колуңду кежигеңе жаздап жатпа.
Салааңды кайчылаштырба.
Көсөө менен мал кайтарба.
Жаш бүчүрдү сындырба. Жалгыз талды кыйба.
Малды теппе, башка чаппа, сокпо.
Итти жөнү жок урба.
Босогодо туруп кол алышып учурашпа.
Жаш бутакты сындырба, уяны бузба, көк чөптү үзбө.
Босогодон боюңду кербе, кулачтаба.
Колуңду төбөңө койбо. Бөйрөгүңдү таянба.
Жаагыңды таянба.
Жер таянып отурба, таякка сүйөнбө.
Колуңду оозуңа салба.
Босогодо туруп бой кербе.
Мойнуңа аркан салба.
Күүгүмдө уктаба.
Босогого жөлөнбө, бойлоп турба.
Боюңду карыштаба.
Керегени теппе, тээп жатпа.
Эшикти тээп ачпа.
Эки атчандын ортосунан өтпө.
Шымды башка жазданба.
Жыйылган жүккө отурба, жатпа.
Колуңду артыңа алып баспа.
Курал-жаракты аттаба.
Ооз-кесир сүйлөбө.
Кишиге артыңды салба.
Даам таткан кудугуңду булгаба.
Агын сууга түкүрбө, ылайлаба, даарат ушатпа.
Иче турган ашыңды таза ич.
Тырмагыңды отко салба.
Эртең менен жаман сөз сүйлөбө.
Көккө топурак чачпа.
Көптү сөкпө, кенди төкпө.
Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны.
Жалганчынын жанына жолобо.
Абийириңди жашыңдан сакта.
Ден соолукту жашыңдан сакта.
Эненин сүтү карыз, атанын күчү карыз, актоого бала карыз.
Жашыңдан жаман жолго баспагының, адамдык сапатыңды сактагының.
Атанын тилин албаган уул азапка кабылат.
Акылдуу бала элпек келет, акылсыз бала тентек келет.
Кумурсканын уясын бузба, уя басканды учурба.
От менен ойнобо, суу менен достошпо, шамалга ишенбе.
Оттон – корк, суудан – сактан.
Куюнга калба.
Адегенде жакшы уул бол, жакшы ата болууга алып баруучу жол ошол.
Ук, улууну укпаган узабайт.
Адептүү бала – абийир, адепсиз бала ким экенин билип жүр.
Жети атасын билбеген уул – кул болот, билип жүр. Атаңды көргөндөн акыл сура, Энеңди көргөндөн тон сура. Сөз уккандан үмүт кыл,
Сөз укпагандан ыраак жүр.
Жатаарда минтип бата-тилек кыл: «Жаттым тынч, жаздыгым кенч, Тилим куран, тилегеним ыйман».
Дүйнөдө нан улук, кор кылба.
Туз насибиң, аны тепсебе, алыска жол жүрөрдө туз таты.
Үйгө келген адамга даам ооз тийгиз.
Башкаларга чай, суусун сунганда чыныны оң колго кармап, сол колду көкүрөккө коюп, бир аз ийилип сунуш керек, ал эми куйганда оң колуңа алып куй.
Мейман келгенде кабагыңды бүркөбө.
Улуулардын кешигинен ооз тий.
Тамак ичээрде жылаңбаш отурба.
Жылаңач отуруп, жатып алып тамак ичпе.
Тамак ичип отурганда жер таянып отурба.
Тамакты чалпылдатып чайнаба, шорпону шорулдатып ууртаба.
Тамак ичип бүткөндөн кийин бата кыл, тамак ичээр замат жатпа.
Дасторкондо отурганда сыртка чыгууга туура келсе отурган адамдын бутун аттап өтпө, сакалдуу адамдын артынан өт.
Чайыңдын түбүн төкпөй ич, ырыскыңдан айрыласың.
Дасторконду жыйнай электе жата калба же туруп кетпе.
Эртең менен эрте турсаң, ырыскыңдан куру калбайсың. Эртең менен турганда бет жуубай туруп кишиге караба.
Күн шашкеге чейин жатпа.
Салынган төшөктүн баш жагын тепсебе.
Кийимдин жакасы менен жеңин тепсебе.
Капталдан качырып сөз айтпа.
Эки колуңду башка жаздап жатпа.
Отту бут менен ичкелештирбе.
Шыпырынды жерге отурба.
Желени кыя өтпө, ортодон өтпө.
Өрмөктү аттаба.
Чабылуучу күлүктү токуп жатканда маңдайына турба, алдынан кыя өтпө.
Арыктагы сууга какырба, түкүрбө.
Агын сууну чачып ойнобо.
Босогону баспай кир.
Желбегей жамынба.
Басып-туруп тамак жебе.
Баш кийимиңди тамак ичээрде алба.
Кыз баланы теппе, сөкпө, урба.
Карыптарга күлбө.
Улууларга жол берип, ордуңан туруп орун бер.
Итке суу чачпа.
Адамды, үйдү айланып чуркаба.
Түндөсү жер чукуп ойнобо, чок менен бирөөнү кубалаба.
Таманыңды бириктирбе, таңдайыңды такылдатпа.
Көрбөй туруп көрдүм деп калп айтпа.
Бут кийимиңди төргө койбо.
Кекчил болбо, кечиримдүү бол, эпчил бол.
Аары чакса ачууланба, айда-күндө бал жейсиң.
Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабың тарттырат.
Адал эмгек нурдантат, арам эмгек кирдентет.
Адал эмгек элге жеткизет, арамдык, куулук элден безгизет.
Адал кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат.
Адал эмгеги менен даңктуу.
Адам сөзүнөн таанылбайт, ишинен таанылат. Адам акысын жер кайтарат.
БАЛА ЖӨНҮНДӨ МАКАЛ-ЛАКАПТАР
Жакшы бала – тил алчаак, Жаман бала – уялчаак.
Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар.
Балалуу үй гүлүстөн, баласыз үй көрүстөн.
Туулганына сүйүнбөй, турарын тиле кудайдан. Балалуу үй – бактылуу үй.
Балалуу үй – күлкүнүн куту, Баласыз үй – кубанычтын жуту. Бала боор эт менен тең. Акылдуу бала – элпек,
Акылсыз бала – тентек.
Акыл – жаштан, асыл – таштан.
Акыл – жаш уландан, күлүк – тай кунандан.
Акылы аздын азабы көп.
Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт.
Эл – эне, жер – ата.
Ата – өчпөс чырак, эне – соолбос булак.
Атанын уулу болуш – урмат, эненин уулу болуш кымбат.
Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өлөт.
Эр болсоң көк бол, сөзүңө бек бол.
Уул жакшысы – урмат, кыз жакшысы – кымбат.
Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста.
Ата тарбиялаган бала – эстүү, эне тарбиялаган бала – эптүү.
Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт.
Карынын кебин капка сал.
Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
Бала адамдын канаты.
Бала бар үйдө калп сүйлөбө.
Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
Бала жетиге чыкканча жерден таяк жейт.
Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
Бала падышадан кудуреттүү.
Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
Бала чуркаса, чалдын буту зыркырайт.
Бала ыйлабаса эмчек жок.
Балаң жакшы болсо өргө чыгарат, балаң жаман болсо, көргө тыгат.
Балаңды жашынан тарбияла.
Балаңды элиң мактаса, андан ашык бакыт жок.
Балалуу үйдө сыр жок, оорулуу үйдө ыр жок.
Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат.
Балалык – падышалык, карылык – катуулук.
Баланы жакшылыкка жетелеп жалгаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр.
Балалык кишиге эки келет, бири – жашында, бири – карыганда.
Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.
Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
Баланын үйү – бапанын алачыгы.
Баланын тентек болмогу үйүнөн.
Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
Баласы жоктун ырысы жок.
Уул баланын курсагына тоо батат.
Уул жаманы – уйгак менен тең.
Уул таянган мал таянат, мал таянган жер таянат.
Уулга уул тизгиндеш болсо, казандагы тамак-аш бир кайнайт.
Уулдуу болсоң узун сүйлөбө, кыздуу болсоң кыя сүйлөбө.
Уул-кызың эрке болсо, дооматты башкага койбо.
Уулсуз ата – канаты кыркылган куш.
Уул жакшы болсо катардагы атасы бек үйүнөн жай табат.
Уулу жоктун мууну жок.
Улуулар өссө уулу менен коңшу бол.
Кызың өссө кылыктуулар менен коңшу бол.
Уулуң ашык болсо өйдө кара, кызың ашык болсо жер кара.
Уулуң жакшы болсо – өмүрүң узарат, Уулуң жаман болсо – өмүрүң кыскарат.
Уулуңду өрнөк менен үйрөт.
Жашыңда кылжың болсоң, карыганда мылжың болосуң.
Ата даңкын тузу арам уул булгайт, эне даңкын кара бет кыз булгайт.
Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.
Балаң жакшы болсо – эл башы, Жаман болсо – эл душманы.
Кыз балага нускоо
Кыздын кырк чачы улуу.
Кыздын жолу сый.
Кыз чийден тышкары.
Кыз намысы баарынан бийик.
Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт.
Түнү күзгүгө караба, чачыңды тараба.
Сынык күзгүгө көрүнбө.
Кыздуу үйдө кыңыр сүйлөбө.
Жаман кыздын сөздөрү – көк желкеге ургандай, сөөккө баскан тамгадай.
Тили таттуу кыздын дили таттуу.
Тили заар кыздын дили заардуу.
Чайды чамалуу сунба.
Тамакты таттуу кылган туз, ыраакты жакын кылган кыз.
Кымыздуу үйдө аякчы, кыздуу үйдө кыякчы.
Кыздуу үйдө кырк ат байланат.
Тастаңдаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл.
Эркектин баркы аялда.
Кыз жаманы кыроо, уул жаманы уйгак.
Келин жаманы кетпес кесик.
Кыз кыялдын бермети.
Уул урунуу – урмат, кыз урунуу – кымбат.
Кызы бардын назы бар, кызы жоктун неси бар.
Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнүнө маалым.
Отурган кыз – орун табат.
Кыз – бирөөнүн байлыгы.
Жаман эрге тийгенче, бойдок өткүн өлгөнчө.
Жакшы кыз – жакадагы кундуз.
Энеңдин этегине отура берип эстүү болбойсуң.
Баркыңды билбегенге барба.
Кызы бар үй – кыялдуу үй.
Канын жумшаган энеге жаныңды жумша.
Кыз адеби – кымбат.
Сүйүп барсаң – таш болбо, сүйрөлөңдөп кас болбо.
Кызга кыраан да кылаңдайт, жылан да кылаңдайт.
Сулуу жүзүң бир жылдык, сулуу мүнөз – миң жылдык.
Жаман кызга маашыр болгончо, жакшы кызга ашык бол.
Бийлегенди билбесең, такам кыйшык дебе.
Алганыңдын кадырына жет.
Арзышкан менен сыйлашып өт.
Эрден чыксаң да, элден чыкпа. Уул жакшысы – урмат, Кыз жакшысы – күлазык.
Жакшы кыз – жакадагы кундуз.
Кызга кырк үйдөн тыюу.
Отко жакын шиш күйөт, энеге жакын кыз күйөт.
Жакшы кыз кылыгы менен, жакшы ийне учугу менен.
Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
Кыз башка үйдүн жарыгы.
Кыз – конок.
Кыз бала үйдүн куту, уул бала элдин көркү.
Кыз жакшысы чалкакка тийген айдай, чыныга куйган майдай.
Кыз кылыксыз болбойт.
Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот. Кыздуу үй кан көпүрөсү.
БАЛАГА АРНАЛГАН БАТАЛАР
Өмүрдүн уландысьн, укум-тукумдун жалгоочусу болгон баланы чоңойтууда, багууда кыргыздар өзүнчө бир улуттук түстөгү бала багуу маданиятын калыптандырган. Балага бүт эле бардыгын арноого даяр турган ата-эненин оозунан эң бийиктиктеги ак тилек сөздөр куюлушуп чыккандан бөлөк, бала туулгандан баштап эле түрдүү ыңгайда маараке өткөрүп, элден бата алып берүү, бата менен баланы узак өмүрлүү, бак-дөөлөттүү кылуунун аракетин жасаган. Балага арналган баталар баланын дили, деми, адамкерчилиги таза болуусун тилеп, ал ак тилек сөздөрдү бала «ыңаа» деп жерге түшкөндөн баштап эле кулагына айта баштаган. Бул бата сөздөр балага тилеген курулай эле тилек болбой, баланы тарбиялоодо, кандай адам болуусу жөнүндөгү эң күчтүү сабак боло берген. Алып айтсак, балага арналган батада дайыма: «Акыл-эстүү, элине керек уул болсун! Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйкүмдүү бол!» – деп оозантса, «бала эне сүтүн акта, киндик каның тамган жерди сыйла» дегенге окшош Мекен сүйөр, эл сүйөрлүк таалим сөздөр бата менен перзенттин кулагына кирип турган. Батадагы нускалуу сөздөр аркылуу перзенттер өзүнүн акыл-эсин түзөп, жүрүм-турумун жөнгө сала баштаган. Жаш балага арналган баталар дегенде биз бөбөк туулгандан баштап тушамышын кыйганга чейинки убакыттагы бөбөктөргө арнап өткөргөн каада менен кошо берилген олуттуу баталарды шарттуу түрдө атадык. Анын негизгилери төмөнкүлөр.
Киндик кесүү батасы. Кыргызда «жетемди эмес, жерден алганымды тартам» деген сөздөн улам, бала төрөлгөндө киндик кесип, ороп алганды өтө кастарлуу иш катары билгенин көрөбүз. Киндик эне биринчилерден болуп «сүйүнчүлөөчү» болот. Ата-энесинен сүйүнчү алат. Ким киндигин кессе, ал ошол бөбөктүн «киндик энеси» аталат да, баланын дагы бир айта жүрөр, өмүр бою урматтар энеси болуп жүрөт.
Киндикти кесүү баланын кийинки кайрат мүнөзүнүн кандай болушун белгилейт деген түшүнүк боюнча, кыргыздар киндик кесүүчү адамды ичи ак, сырты кайраттуулардан тандаган. Киндик кесе турган аспап да катуу, сүрлүү болгон. Илгерки кыргыз балдарынын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, анын суугундай кайраттуу болуусун ырымдаган. «Муз менен киндигин кескен кыргыз эли тууштуу элбиз» деп жүрөт. Ошого кыргыз киндик кескенде жөн эле кеспей, ак бата айтып кескен. Сөз касиети баланын киндик каны менен бирге денесине кирип, батада айтылган ак сөздөрдөгүдөй адам болуусун көксөгөн.
Киндик кескенде айтылуучу батанын негизги мазмунун ээлерден, пирлерден бөбөккө узак өмүр тилөө, бөбөккө ак дил, элине жарамдуу адам болушту каалоо сөздөрү болгон. Киндик кескенде батаны киндик кесүүчү, же жанындагы төрөтүүчү киндик кесип жаткан кездин алдында айтып, анан киндик кескен.
Киндигин кескендеги бата
Бысмылда, менин колум эмес, Батма, Зууранын колу.
Улуунун жанын берсин,
Жакшынын башын берсин, Күчтүүнүн малын берсин.
Бакайдын өмүрүн берсин,
Эр Агыштын көңүлүн берсин.
Манастай билектүү бол.
Каныкейдей тилектүү бол.
Алмамбеттей улуу бол,
Аруукедей сулуу бол,
Билектүүдөн күчтүү бол,
Жалтырактан түстүү бол,
Аталуудан улуу бол,
Акылдуудан нарктуу бол,
Энелүүдөн эрктүү бол, Кызыл тилден таңдайлуу бол, Ырыскыдан маңдайлуу бол.
Оомийин!
«Оозантуу батасы». Мейли жылдын кайсыл мезгили болбосун, бойкат аял бар үйдөн эң кур дегенде туула турган балага арнап каткан чөйчөк карын сары майы болбой койбойт. «Сары майдай сактоо» деген ушундан калгандыр. Бала төрөлөрү менен биртике убакыт өткөндөн соң баланы оозантат. Баланы оозантуу оңой жумуш болбойт. Баланы оозантчу ургаачы сөзсүз ошол айылдын кадырманы, агарып-көгөргөн, бак-дөөлөтү көрүнүп турган, баланын келечегине өтө акжолтойлук көрсөтө турган болушу талап этилет. Көзү суук, ач көздөр бала оозанткан жерге жолотулбайт. Бала сары май менен оозантылат. Сары май кыргызда «дары» сыяктуу улуу. Келечеги майлуусүттүү болсун, жумуруна жук болуп, түбөлүккө топуктуу болсун дегени экен. Сары май баланын ичин тазартып, май туңгактаса балага жакканы, ичегиси майланганы, ичи катпаганы экен. Андан ары эмчек ээмп кете берет.
Баланы оозантууда Умай энедей болгон, уз аялдардын бирөө балага оозантуу батасын айтканча, баланы какатып, чакатуудан абайлай сары май менен оозантат. Бул оозантуу май менен эле эмес, кыргыздын ыйык сөздөрү, ак дилден чыккан тилек менен оозантканы эле. Кыргызда оозунан жаман сөз чыккандарды «бок менен оозантканы, сөөгү менен оозантканы» деп адамдын оозунан чыккан сөздүн сапатын тээ баланы оозанткандан көрөт. Ошого баланы оозантууда берген батага ак сөз, жылуу сөз, жакшы жышаналуу сөздөрдү талдап колдонгон.
Оозантуу баланын негизги мазмуну, балага узак өмүр берүүсүн, дайыма кубанычта, ата-энеси, ырысы менен жашоону тилек кылган.
Кыргызда жакшы тилек, ак баталарды киндик каны менен, эми эле оозун ачкан ымыркайдын оозуна сары май менен бирге салып отурган. Ошого кыргыз «ыр менен туулуп, ыр менен өлөт» деген улуу тыянак айтылып жүргөндүр.
Оозантуу баталары
Биссимилда уракман урайым, Оозуңа май салып турган Умайым. Алты куйрук ашагын, Алтымыш аша жашагын.
Жети куйрук ашагын, Жетимиш аша жашагын. Кызыл тилден таңдайлуу бол, Ырыскыдан маңдайлуу бол! Оомийин!
* * *
Аркардын этин ашагын, Алты мүчөл жашагын. Жейрендин этин ашагын, Жети мүчөл жашагын. Токтунун куйругун ашагын, Токсонго чыга жашагын. Бактылуу бол, карагым, Кара көзүм, баралым.
Алтындан болсун тарагың, Күмүштөн болсун жарагың. Кубаныч, күлкүң тыйылбай, Ачык болсун кабагың. Мактанычы боло бер, Ата менен апанын.
Оңунан согуп шамалың,
Орооң болсун оң,
Жолдошуң Кыдыр болсун зор. Оомийин!
Туулган күнгө бата
Куттуу болсун туулган күн,
Киндигиңди шыр кесип,
Жибек менен бууган күн. Киндик энең суу менен, Алгач ирээт жууган күн. Ороп алып ороого, Белден байлап бууган күн. Ак сүтү асыл эненин, Эмирене эмген күн. Атаң келип төбөңдөн, Тебирене төнгөн күн. Кубангандан эл-журтуң, Көрүндүгүн берген күн. Кимге окшоду экен деп, Бетиңди ачып көргөн күн. Туулган күнүң жыл сайын, Жүз жыл бою тойлонсун.
Жүзүнчү жылдын күзүндө Зырп-зырп этип тамыры, Бейиште энең толгонсун.
Өсүп урум бутагың,
Көздөгөнгө жете бер,
Өмүр чексиз көк деңиз, Токтобостон кече бер. Оомийин!
* * *
О, касиеттүү Теңирим,
Куттуу болсун бүгүнкү күн, Жаш наристе туулган күн. Дидарын ачкан күн, Ымыркайды жууган күн.
Эне сүтүн эмген күн, Аксарбашыл чалган күн, Карындан май жарган күн.
Бөбөккө узак өмүр бер,
Берсең кошо эрдик бер, Эне сүтүн актасын, Мекенин жаттан сактасын. Туулган күнгө бата айталы, Эми үйгө кайталы.
Оомийин!
* * *
Ага-тууган чогулуп келдик,
Наристе бөбөккө бата бердик, Алтын башы аман болсун, Ар балээден алыс болсун.
Бак-дөөлөтү тоодой болсун, Алтын сандыкка жык толсун. Байтеректей бийик болсун, Басаар жагы жайык болсун.
Жоолошконго коргон болсун,
Жол баштаган көсөм болсун, Үшүгөнгө оттой жанып, Душманыңа кылыч болсун. Туушунун тушун сактап, Чыккан күндөй жарык болсун. Доско жумшак, касына айбат, Баскан жери аян болсун. Арстандай аяр болсун,
Жолуна куту даяр болсун, Кыдыр ата колдосун. Оомийин!
* * *
Жараткан өзүң жалга, Жалгагандан талба.
Ыйман берип ылдыйда жөлө, Ымыркайыңан ырыскыга бөлө. Кесепеттүүнүн көзүнөн сакта, Кесирлүүнүн сөзүнөн сакта. Капылет тайып кырчын сынаар, Кара жердин төшүнөн сакта. Аман жүрүп жетилсин, Атанын уулу дедирсин.
Акелерине атчы болсун, Үкөлөрүнө башчы болсун. Жамандан адаштыр, Жакшыга жанаштыр. Теңтушун көп кыл,
Текөөрлөшкөнүн тек кыл.
Акылын саз кыл, Аңдышканын пас кыл.
Арамдыктан алыс кыл, Актан тайбас калыс кыл. Айткан сөзүнө бек кыл, Атпай журтуна чеп кыл. Жортсо жолун ач, Жоомарт кылып колун ач. Алдына нуруң чач, Артына шуруң чач. Ченебей билим бер, Чексиз илим бер.
Өргө кулатып ташың, Өңгөдөн өйдө кыл башын.
Жараткан жалга, Жаш ушул ымыркайга Жакшылыгыңдан жанба. Оомийин!
* * *
О, Жаратканым,
Жаңы төрөлгөн жанга ыйман бергин Ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болсун, Ымыркай ырыстуу болсун.
Кесепеттүүнүн сөзүнөн, Ичи тардын көзүнөн сакта. Жакшыга жанаштыр, Жамандан адаштыр.
Ата-энеге кайрымдуу,
Эл ичинде кепке алымдуу, Өмүрү узун болсун.
Өрүшү кенен болсун.
Кудайым тилекти берсин. Оомийин!
* * *
О, Умай эне,
Наристеге күлкү бер,
Күндүн жарыгын бер,
Эненин мээримин бер, Акылмандын батасын бер.
Суунун тазасын бер, Булбулдун үнүн бер, Гүлдүн бүрүн бер.
Эрдин билегин бер, Элдин тилегин бер, Жолборстун жүрөгүн бер.
Тоонун бийигин бер,
Толо-боло баарын берип, Тобоосун таанытаар Жолдун кыйынын бер. Оомийин!
* * *
О, кудурет Теңирим,
Дүйнөгө келген береги жаш бөбөктүн Өмүрүн узак, бактылуу кыл.
Ата-энесин, эл-журтун эсен кыл.
Акыл-эстүү, элине керек уул кыл.
Кең пейил акылман кыл,
Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйүктүү кыл.
Бак-дөөлөт, ырыскысын бекем кыл. Даражасын бийик кыл, мингенин тулпар кыл, Колунда кондурганын шумкар кыл. Колдогонун кырк чилтен кыл, Келген Кыдырды кетпес кыл.
Оомийин!
«Ат коюу батасы».
Бала жерге түшүшү менен азан айтып, ат коюу салты калыпташкан. Азан айтканы ислам дини киргенден кийин «Алланын аты улук» (Алло акбар) деп чакырып, бул дүйнөгө инсан баласы келгенин кабарлоо салты эле. Ал эми илгерки кыргыздарда бала төрөлгөндө жар чакырып, сүйүнчүлөө болгон. Азыркы «ат коюу батасы» ошол жар чакырып сүйүнчүлөөнү мазмун кылган.
Кыргызда балага атты эң негизгиси чоң ата, чоң энеси, же үйдүн улуу адамдары койгон. Көбүнчө өз ата-энеси алды менен ойлоп «туюкбайга» энчилүү атты белендеп жүргөн болот. Бала төрөлөрү менен азан чакырып берген кишиге баланын атын айтып беришет. Ал азан чакырып ат койгон киши кыргыздын салттык баталары менен коштоп айтып коёт. Ат коюу батасы мына ушул ыңгайда айтылат.
Ат коюу батасы
Аллоо акбар, Аллоо акбар, Алпейил дайым сактаар. Теңирим адам берди, Ааламга адам келди.
Айыл, калаа сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди,
Кең пейилге перзент берди, Касиети бассын жерди. Берекеси баксын элди, Көлөкөсү тапсын шерди. Азан айтып, атын коём, Теңир берген затын коём. Уул болсо жоодон сактаар, Эне эмизген сүтүн актаар.
Атаандашпай малын багаар, Жерин айдап, нанын табаар. Атасынын мээнети кайтаар, Алдына дулдул тартаар.
Кыз болсо кырк жылкы, Кийиз жасап, үйүн жабаар. Энесинин ишин алаар, Гүлдөй гүлдөп сайма саяр. Уул бекен, кыз бекен, Ким болду экен?
Уул экен, уул экен!
Ааламга адам келди, Айыл, калаа сүйүнчү! Арыштаар кадам келди, Ким дейбиз атын? Көрүнчү бачым,
Анакей отун келди!
Эмесе атын коём:
Отун алып баксын элди. Жарыя айтам Отунчу, Айыл, калаа сүйүнчү!
Оо, Отунчу, Отунчу!
Аты болду Отунчу!
Калк сабына кошулчу!
Оомийин!
«Жентекке баталар». Бала төрөлгөндөн кийин ата-эне дароо эле жентек берет. Жентек негизинен сактап жүргөн карындагы сары майды бузуп, тойчук иретинде айлындагылардан бата алууну максат кылган. Баланын жентегин жеш бир маанилүү иш болуп, «Жентегиңди жегемин, жентегимди жедиң беле» дегенге окшош сөз айкаштары калыптанган.
Мына ушул жентек жеген дасторконго берилет. Негизги мазмуну, балага өмүр, ырыс жакшылыктар каалоо болуп келет.
Жентек тойго баталар
Ага-тууган чогулуп келдиң,
Наристе бөбөккө бата бердиң Алтын башы аман болсун, Ар балаадан алыс болсун.
Бак-дөөлөтү тоодой болсун, Алтын сандыкка жык толсун. Байтеректей бийик болсун, Жоолошконго коргон болсун.
Жол баштаган көсөм болсун, Үшүгөнгө күн болсун, Душманына кылыч болсун. Туушунун тушун сактап, Чыккан күндөй жарык болсун.
Доско жумшак, касына катуу болсун,
Баскан жери аян болсун, Арстандай аяр болсун,
Жолуна куту даяр болсун.
Кыдыр ата колдосун.
Оомийин!
* * *
О, Жаратканым,
Бөбөк жанга ыйман бергин,
Ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болсун, Ымыркай ырыстуу болсун.
Кесепеттүүнүн сөзүнөн, Ичи тардын көзүнөн сакта. Жакшыга жанаштыр, Жамандан адаштыр.
Ата-энеге кайрымдуу,
Эл ичинде кепке алымдуу Өмүрү узун болсун, Өрүшү кенен болсун.
Кудайым тилекти берсин. Оомийин!
* * *
О, Умай эне,
Наристеге күлкү бер,
Күндүн жарыгын бер,
Эненин тилегин бер,
Акылмандын батасын бер,
Суунун тазалыгын бер,
Булбулдун үнүн бер,
Гүлдүн назигин бер,
Эрдин тилегин бер,
Элинин тилегин бер,
Жолборстун жүрөгүн бер, Тоонун бийигин бер, Узак өмүр бер.
Өмүрүн узак колдой көр. Оомийин!
* * *
О, Кудурет Теңирим, Дүйнөгө келген береги жаш бөбөктүн Өмүрүн узак, бактылуу кыл.
Ата-энесин, эл-журтун эсен кыл.
Акыл-эстүү, элине керек уул кыл.
Кең пейил, акылман кыл.
Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйкүмдүү кыл.
Бак-дөөлөт, ырыскысын бекем кыл.
Даражасын бийик, мингенин тулпар кыл.
Колунда кондурган шумкар кыл.
Колдогонун кырк чилтен кыл.
Келген Кыдырды кетпес кыл. Оомийин!
* * *
Наристенин боосу бек болсун, Ата-энесине шерик болсун. Азамат болуп эр жетсин, Аксакал болуп төргө өтсүн. Азамат болсун көрктүү, Өмүрү болсун бөрктүү. Канат-бутагы жайылып, Арты болсун шериктүү.
Азамат болсун ардактуу, Мүнөзү болсун салмактуу.
Өмүрү болсун жанжактуу,
Ушул айткандардын баары келип, Теңирим берсин зор бакты. Оомийин!
* * *
Ушул бала,
Төрөлөр менен тең болсун, Пейли кенен, кең болсун.
Чөбү чүйгүн бал болсун, Соолбогон көл болсун, Элине аркар бел болсун. Белдин белин майыштырып, Өрүшүнө мал толсун. Өзүнөн туулган балдары, Жеке-жеке эл болсун.
Оомийин!
«Бешикке салуу батасы». Баланы бешикке салуу кыргыздардын байыркы тарыхынан бери келе жаткан салты. Бешиктүү үйдү кыргыздар олуттуу баалашкан. Жыгаччы усталар бешиктин түрдүүчө нускаларын жасашкан. Ал тургай качанкы бир байкерчилик доордо «алтын бешик, күмүш бешиктер» болгон көрүнөт. Бул оозеки тилде айтылып келет. Бешик көчмөн турмушка ылайык болуп, баланы бөлөп алып, бешикти өңөрүп кете беришкен.
Баланы бешикке салуу аялдарга берген той катары көрүнөт да, ошол бешикке салуу тоюнун дасторконуна жана баланы бешикке салып жатканда бата берилет.
Баланы бөлөөгө белендеп коюлган бешикке ошол айылдын кадырман ак байбичеси баланы колуна алып, бешикке бөлөгөнчө балага бата берет. Батанын негизги мазмуну, балага узак өмүр, ата-энесине амандык каалоо, баланын болочогуна ак тилек сөздөр айтылат. Андан соң бешик той желип жаткан ар бир дасторконго баталар берилет.
Бешикке салуу баталары
Бешик бооң бек болсун, Ата-энең аман болсун.
Жаман көздөн сактасын, Балам, эне сүтүн актасын. Менин колум эмес,
Умай энеңдин колу, оң, оң.
Киндик кескен энеңди сыйла,
Каның тамган жериңди сыйла,
Ак сүтүн берген энеңди сыйла. Менин колум эмес,
Умай энеңдин колу, оң, оң.
Өмүрүң узун болсун,
Көкө теңир колдосун, Жаның бек болсун, Жардыгым кеп болсун. Теңир атаң колдосун, Менин колум эмес,
Умай энеңдин колу!
* * *
Өөлай, өөлай, ак бала,
Ак бешикке жат бала. Бешигиң кептүү болсун, Ата-энең эптүү болсун. Энелүүдөн эрке бол, Өмүрүң узун болсун. Тукумуң журттан ашып,
Тууганың канат болсун. Жети мүчөл жашагын, Тартпа жоктун азабын.
Билектүүдөн күчтүү бол,
Баатыр болсоң жөлөк бол, Баарыбызга өбөк бол. Өөлай, өөлай, ак бала, Ак бешикке жат бала.
* * *
Алдей, алдей, бөбөгүм, Алдей, алдей, бөбөгүм.
Бабаң айкөл Манастай, Баатыр болгун, эр болгун, Кабылан болгун, шер болгун.
Ата салтын уланткан,
Ардактап элин кубанткан,
Семетей, Сейтек бабаңдай
Кызыл жалын чок болгун, Атылып турган ок болгун.
Кызга: Алдей, алдей, бөбөгүм, Алдей, алдей, бөбөгүм.
Каныкейдей уз болгун, Калкың сүйгөн кыз болгун. Энең сенин уз болгон, Элиң сүйгөн кыз болгун.
Билектүүдөн күчтүү бол,
Жалтырактан түстүү бол.
Аталуудан улуу бол, Акылдуудан кундуу бол. Энелүүдөн эрке бол, Эл алдында серке бол. Кызыл тилден таңдайлуу бол, Ырыскыдан маңдайлуу бол. Жети мүчөл жашагын, Тартпа журттун азабын. Билектүүдөн күчтүү бол,
Баатыр болсоң жөлөк бол, Баарыбызга өбөк бол. Өөмай, өөмай, ак бала, Ак бешикке жат бала.
* * *
Көкө Теңир жар болсун, Күлдүр ата колдосун.
Камбар ата ун чачсын, Күндүн пири Күн Теңир, Жарык менен нур берсин.
Умай эне ак чачсын, Үркөр ата тогошсун, Кызыр ата даарысын. Жалпы пирлер колдосун, Оомийин, алло акбар! Наристенин боосу бек болсун, Ата-энесине шерик болсун. Азамат болуп эр жетсин, Аксакал болуп төргө өтсүн.
Азамат болсун көрктүү,
Өмүрү болсун бериктүү,
Канат бутагы жайылып, Арты болсун шериктүү.
Азамат болсун ардактуу, Мүнөзү болсун салмактуу, Өнөрү болсун жан жактуу. Ушу айтканым баары келип, Теңирим берсин зор бакты.
Оомийин!
* * *
Ушу балаң,
Төрөлөр менен тең болсун, Чоролордой эр болсун, Пейили кенен эр болсун.
Чөбү чүйгүн бал болсун, Соолбогон көл болсун, Элине аскар бел болсун. Белдин белин майыштырып, Өрүшүнө мал толсун.
Өзүнөн туулган балдары, Жеке-жеке эл болсун!
Оомийин!
Кыркын чыгарып, киринтүү батасы. Бала төрөлүп, кыркы тогошкондо «баланы киринтүү» салты иштелген. Баланы табияттын тунук суусуна беделин жууп «суудан таза, нурдай сулуу бол» деген мазмундагы ак тилектерди айтып, ымыркайды табият энесинин кучагына салат.
Кыркын чыгаруу батасы:
«Кырк» атаңдын жөрөлгөсү, Ата-энеңдин өбөлгөсү. Кырк уруу кыргыз ичкен суу, Кырк атабыз кечкен суу.
Кырк ашууну ашкан суу, Кырк томолонуп келген суу. Кырк таштарды кырккан суу, Кызыр атам таткан суу. Суудай таза бол, Нурдай сулуу бол. Оомийин!
Тушамышын кесүү батасы. Бала жыл маалына жеткенде «каз-каз туруп», бут шилтеп, жөлөнүп басып калат. Мына ошол кезде ата-эне перзентинин тушамышын кыйып койсо, бат басып кетет деген түшүнүк болгон.
Тушамыш кыюуда ата-эне баланын эки бутун кызыл шоона жип менен тушайт да, белгилүү аянтка жаш балдарды чогултуп, аларды жарышка салат. Ким мурда чуркап келсе, ошол бала бөбөктүн тушамышын кыят. Ага сыйлык берет, калган балдар да куру кол калбайт. Бул басайын деп тушамышын кыйып жаткан бала да кийин озуп келген баланы тартып тууштуу болуусун максат кылышат. Мына ошол тушамышын (тушоосун) кыюуда бата айтылып кыйылат. Тушамыш кыюуда берген бата баланын чыйрак, тууштуу болушун каалаган сөздөр, ылдам басып кетүүсүн тилеген ак тилектер эсептелет.
Тушамыш кескендеги баталар:
Бисмилла рахман ырайым, Тушамышың кесилди, жыгылба, Тизеңди айрып ыйлаба. Кулундай туйлап жүгүрчү, Канакей өзүңдү сына да.
Жүгүрсөң түздөн сүрүнбө,
Бийикке чыксаң бүгүлбө, Кабыргаң катып болоттой, От ойносун түнүңдө.
Шаттыктан ташып көңүлүң.
Жаркырап өскүн күн санап. Жаркылдап шамшар тебингин, Жар болсун көктө Теңирим. Оомийин!
* * *
Сыртыңдан душман жүрбөсүн,
Көңүлүңө коркуу кирбесин, Көрө албаган күнүчүл, Күчүктөй чуулап үрбөсүн. Сыйлуу этип Алла башыңды, Өмүрлүү кылсын жашыңды.
Арбак колдоп ар убак, Өргө өрлөтсүн ташыңды. Катарыңдан калбагын, Кадырын билгин апаңдын. Эгерим ишиң түшпөсүн,
Колуңа топор сараңдын.
Арааның жүрүп арылдап, Аппак атсын таңдарың. Максатыңа жете бер, Кут болуп баскан кадамың. Оомийин!
* * *
Тушооңду кестик, балам, Эми кара жерге жыгылба, Балдардан калбай чуркап жүр.
Кулундай оюн салып жүгүр,
Элим эр, Досум шер деп, Бүгүлбөй өмүр сүр.
Өзүңдү эрдиктен сына,
Жамандан жардам суранба, Ичиңе кек сактаба.
Билегиңди талдырба,
Жүрөгүңдү алдырба, Нээтиңди жандырба,
Багыңды сындырба.
Жигит, керге жетип эрте, Намысты колдон кетирбе, Жаман тукум дедирбе. Дайыма алдыга озуп, Үмүтүң узак болсун. Досуңду сүйүнт, Касыңды күйүнт. Теңирим сага тилекти берсин, Тилеген бата кабыл келсин. Оомийин!
- * *
Кесилди балам тушооң, Жалтактабай аяк бас. Бийик болуп учарың.
Аскарларга канатташ. Душманың казган оруна, Түшүп кетпей анык бас.
Оомийин!
- * *
Каз-каз, каз-каз, карагым, Куттуу болсун кадамың.
Өмүргө аяк баса бер,
Өркөчү бийик ашуудан, Тайгылбастан аша бер. Оомийин!
- * *
Тай-тай, балам, тай балам,
Талпына гой, баса гой,
Шилте дагы бир кадам, Бир кадамды аша гой. Тай-тай, балам, тай балам, Тартынбагын жүрө бер. Бешигиң калды коштошуп, Чырпыктан атты мине бер.
Көтөрүп улам бутуңду, Татынакай баскының, Баскан жолуң оң болсун.
Жараткан сени колдосун. Оомийин!
- * *
Тай-тай-тай, балам, Жыгылбастан тур, балам. Тай, тай, тай, балам, Таятаңа бар, балам.
Тору атыңды мин, балам.
Тай, тай, тай, балам,
Чоң атаңа бар, балам,
Аргымагын мин, балам, Чочубастан бек туруп, Чуркап кеткин, тай, балам.
- * *
Тай-тай бөбөк, тай бөбөк, Алды-артыңа май бөбөк.
Каз-каз бөбөк, каз бөбөк, Жалкоолонбой бас, бөбөк. Оомат бизде бек болсо, Оң бутуңду көтөргүн. Олорго оосо ак сүйлөп, Сол бутуңду көтөргүн. Оомат бизде турбайбы, Оң жак бутун көтөрдү.
- * *
Жакшы жүрүм болсун, Жанга жеткирбес, күлүк болсун.
Жаактууга айттырбас, чечен болсун. Жүз жаш жаша, Күлүк ат мин.
Жакшы жүрүм-туруму болсун, Алдууга алдырбас күчтүү болсун.
- * *
Тай-тай, тай балам, Тайыба катуу жер бассаң. Мүдүрүлбө таш бассаң, Жыгылба күлүк ат чапсаң. Жигиттин пири колдосун, Ууру-бөрү тоспосун.
Умай энең колдосун, Баскан кадам шыр болсун.
- * *
Атка минерман бол, Эрөөлдө билерман бол. Касыңа ок бол, Досуңа от бол.
Үйүңө көл бол, Жериңе сөз бол. Душманга жут бол, Элиңе кут бол! Кийимиң кептүү болсун, Элиң эптүү болсун.
Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Тукумуң журттан ашып, Тууганың канат болсун!
Бакайдай көсөм,
Жээрендей чечен, Манастай кыраан,
Чыңгыздай чыгаан бол.
Сүннөт тойго баталар. Кыргыздарда качанкы бир доордон баштап сүннөткө отургузуп, «колун адалдоо» салты пайда болду. Бул да балага бата алып берүүнү максат кылат. Мындай бата ушул тойго арнаган малды мууздоо кезинде жалпы элге (же эл өкүлдөрүнө) туура тартылып бата тиленет. Мында бериле турган бата да олуттуу берилет. Сүннөткө отургузаарда да кыска баталар арналган. Ал сүннөт жасоочулар жагынан аткарылган.
Сүннөт тойго бата
Бисмилла иррахман иррахим! Мусулман болдуң карагым, Кана бери карагын. Чырагын жагар уулусуң, Ата менен апанын.
Тоодой болсун талабың.
Алтын менен күмүштөн, Жасалсын мүлдү жарагың. Көркүң чыкты мынакей, Барбы дагы кааларың. Кой сурасаң кой берем, Тай сурасаң тай берем.
* * *
Ушул уул Манастай эр болсун, Элине майтарылбас бел болсун. Каз каркылдап өткүс,
Чалкыган көл болсун.
Куу куркулдап өткүс зоо болсун.
Эр жеткенде күл кармаса, Күмүш болсун.
Ак кармаса алтын болсун. Тою андан ары тойго уланып, Башы жашы жүзгө толсун. Оомийин!
* * *
Зат сурасаң зат берем, Ат сурасаң ат берем. Баатырлыгың байкалса, Зоот берем ак берен.
Эртең эле туруп кет, Ошол сааты апкелем. Муратыңа жете бер, Күндөн-күнгө өсө бер.
Узак болуп өмүрүң,
Өмүрүңдүн түйүнүн, Өзүң билип чече бер. Оомийин!
* * *
Уулум, бери карагын, Атанын уккун батасын.
Теңирим берсе тилекти,
Өмүрдүн жолун басасың,
Караңгыда жол жүрсөң,
Өчпөй турган чырак бол, Суусаганга булак бол.
Жолоочуга жылдыз бол,
Жоолашканга элдеш бол. Улук болсоң кичик бол. Суудай таза, сүттөй ак, Акыл ойдун кени бол.
Калайыкка адил бол,
Түндүгүңдөн кут түшүп, Бак карасын,
Кыдыр даарысын!
Оомийин!
Тайга мингизүү батасы. Жаш балага берген баталардын ичинен баланы эң алгач тай токуп мингизип, ырымдаган кезде берген бата кирет. «Ат – эрдин канаты» – деп билген кыргыз ар кандай кезде атасын «аттантуу, тайга мингизүү», ээрге отургузуу жөрөлгөсүн үзбөй келген. Ошол тайга мингизээр кезде бата айтып, ак тилек менен тизгин карматкан. Бул жөрөлгөнү уланткан нерсе да ак тилек, ак баталар болгон.
Майнаптаганда, кыргыздарда жаш балага берген баталары бала өстүрүүнүн бөтөнчө ыкмасы болгон. Түрдүүчө той, жөрөлгө салттарын кармануу аркылуу ымыркайына элден бата алып берип, ал баланы эл өстүрүп, алаканына бөпөлөгөнүн, эл алаканы менен ага өмүр, бакыт алып бергенин ар бир перзенттин көзүнө көргөзүп, эл көөдөнүндө кыт болуп жүрүшүн башкы максат кылган.
Кыргызда жаш балага арналган кыска ак тилек сөздөр да болгон. Анда төмөндө ал кыска ак тилек сөздөрдү бата башы кылып, андан соң балага берген баталардын үлгүлөрүн окуйлу.
Баланы тайга мингизгендеги бата
Мобул ээр бабалардыкы, Нечен доор, заман баскан.
Бек отур, балам.
Элиңе бул караан.
Сапарың узак болсун, Бабалардын касиети колдосун.
Атагың Мисирге жетсин.
Атың алыстан кетпесин. Чылбырың уулуң жетелесин, Зыйнатың элге жетсин.
Кабарың Кырымга жетсин,
Даңкың Урумду жарсын,
Даңканың кылымга калсын, Ата наркы өчпөсүн,
Өмүрлүү бол, уулум.
Бекем болсун тууруң, Теңир болсун улугуң. Оомийин!
* * *
Балдар, балдар, балдар ай, Балкытып бата алгыла ай.
Күнүң күлүс, түнүң жай болсун, Баарыңардын мингениң
Кара кашка тай болсун.
Тойпоң-тойпоң бастырып Жүргөн жериң той болсун. Алты атаңдан өнөгө, Устукан ал улуудан.
Жети энеңден жөрөлгө, Жеңелерден бадырак же, Жеңиң ылдый чууруган.
Бабаңдын тонун жамынып, Байыртан калган жомокту ук. Энеңдин төшүн жазданып, Эзелден келген жумбакты ук. Ата жолун уланткан Аштык айдаар уул бол. Бастырып келген сыйлууңа Баштык байлаар кул бол. Батадан агар-көгөрүп, Бапыраган шаар бол. Оомийин!
* * *
Кыз балага бата
Кийимиң эптүү болсун, Топуң кептүү болсун. Сымбатың көрктүү болсун, Жүрөгүң өрттүү болсун! Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Тукумуң журттан ашып, Тууганың канат болсун.
Ак куунун мойнун берсин, Ак гүлдүн жытын берсин.
Каныкейдин акылын берсин, Айчүрөктүн сулуулугун берсин. Зулайканын дидарын берсин, Жамалыңа кошуп иманың берсин. Оомийин!
* * *
Талдай бой берсин, Шамдай ой берсин. Жаздай жыпар берсин, Кардай жамал берсин.
Үйүңө кешик келсин, Кешикке кошуп шыбага келсин, Шыбага келсе ырыс келсин. Энеге күйүмдүү болсун,
Атага сүйүмдүү болсун. Эжеге эрмек болсун,
Сиңдиге өрнөк болсун, Агага сыймык болсун. Назик жаны болсун, Элинин ары болсун.
Башына өнөрдүн багы консун, Шагына түгөйлүү жары консун. Оомийин!
* * *
Колума суу куйган, кызым,
Жүзүң суудай тунук болсун, Тамчыдай тазарсын ниетиң, Сапарың суудай узун болсун. Олоңдой кара чачыңа, Оролсун дөөлөт башыңа.
Чылбырдай кара чачыңа, Чырмалсын дөөлөт башыңа. Максатыңа жетип, Бактылуу бол айланайын.
Жигиттин сымбатына ээ бол, Карылардын урматына ээ бол. Уяң наздуу бол, Узун өмүр жаштуу бол. Оомийин!
* * *
Көл боюнда талың болсун,
Көлөкөлөөр чагың болсун. Үйүңдүн үстү жагында, Үп тартылган кайың болсун. Короо толгон коюң болсун, Козголбос чоодой оюң болсун. Аттанып үйдөн чыкканда, Айчүрөктөй жолуң болсун.
Алла ыраазы болсун.
Оңуңдан Күнүң туусун.
Солуңдан Айың туусун. Маңдайыңда Чолпонуң балбылдап, Жолуңду жылдыз жуусун.
Бактылуу бол, багың жансын, Татты кыз бол, балың тамсын. Таалайың мол болсун, Баскан изиңе гүл өнсүн.
Куу жыгачты кармасаң, Жашылы ток бүр болсун. Куу куурайды кармасаң, Кулпуруп турган гүл болсун. Оомийин!
* * *
Чырагым ай, чырагым, Калкыңа калалуу бол, Элиңе элелүү бол. Тоодой толоор бергенче, Бармактай бак берсин. «Атаң, энең» дегизбе, Ата-энеңди эгизде.
Алдыңан Ай туусун,
Аркаңан Күн туусун.
Улуунун жолун кеспе, Ата-энеңди муңдурба, Сөөктү сындырба, берекем. Оомийин!
- * *
Уулга бата
Жорткондо жолуң болсун, Калтаңа дилде толсун.
Бир эмес жылда толсун, Өмүр жашың узак болсун.
Катардан озгон эрен бол,
Көл түбүндөй терең бол, Сынай калса – кулак сал, Мактай калса – керең бол. Оомийин!
- * *
Көтөр балам билегиңди, Кудайым берсин тилегиңди. Бак карасын, Кыдыр даарысын. Айыкпас балаа, Жок жалаадан сактасын. Ата-бабаңдын арбагы колдосун, Эч жамандык болбосун!
Көтөр балам билегиңди,
Он сегиз миң Ааламдын падышасындай, Кудайым кабыл кылсын тилегиңди. Каз каркылдап кечкисиз көл бол,
Куш куркулдап жеткисиз бел бол, Кумайык жортуп өткүсүз чөл бол!
Тукумуң журтка таанылсын. Илимиң башка толуп, Илебиң ташты жарсын.
Казаның кайнап турсун, Отуң жайнап турсун.
Башыңан бакыт кетпесин,
Жооңо бийлик жетпесин. Оомийин!
* * *
Абалы кудай оңдосун, Арбактарың колдосун. Бакыт, дөөлөт, мал, башың, Башыңа кетпес орносун. Төрт тарабың шай болсун, Төрт кыбылаң бар болсун. Элиңе ырыс, кут орносун, Жериңе тынчтык орносун. Өсөк айыңдын чырмагы болбо, Озбурлардын курманы болбо.
Алыс жолдордо,
Жыш ормондо,
Баткалда, муздарда,
Чаткалда, ызгаарда,
Жазыксыз түшөр жазадан, Капыстан келээр казадан Ата-баба арбагы сактасын.
Акылдуу бол, ардуу бол,
Бактылуу бол, малдуу бол, Катарыңдын алды бол.
Курдашыңа кубаныч бол,
Сырдашыңа сынагыч бол, Ыйлаганга жубаныч бол.
Турмушуңа тунук бол,
Таттуулукка ынак бол, Ыкыласка ыйык бол. Ата-эне алдында аласа, Ар алдында бийик бол. Оомийин!
- * *
Дөөлөт кушуң тууруңдан кетпесин, Дөөтү колдоп кырсык жетпесин. Кас душмандын каргышы өтпөсүн,
Кайрылып өзүн өзөгүнөн өрттөсүн.
Кабагың жарык, көңүлүң барик, Жаш булбул конуп тил безеген, Жазгы талдай өмүрүң көктөсүн. Оомийин!
- * *
Көйнөгүң мала болсун, Таягың ала болсун.
Калпагың ак болсун, Төбөсүндө чок болсун. Атың кашка болсун, Алты асый жашта болсун.
Камчы сабың кайың болсун, Казыгыңда дайым болсун. Оомийин!
- * *
Шердей үндүү бол, Жолборстой сүрдүү бол.
Ажыдаардай заардуу бол, Карышкырдай каардуу бол.
Буудайдай бутакта, Талдай шакта,
Карагайдай зуулда, Арчадай көгөр! Атаңдын ыйык туусу бол, Апаңдын сүйүктүүсү бол.
Калкыңа кадыры арткан, Мартабасы бийик киши бол. Оомийин!
* * *
Бирлик берсин башыңа, Береке берсин ашыңа.
Жакшылык жар болуп, Жаш кошулсун жашыңа.
Оңго басса талабың,
Көөп кетип ташыба.
Тайып кетсе таманың, Чүнчүп бекер жашыба. Арам ойлуу арсызга, Боло көрбө ашына. Алды-артыңды ойлобой, Иш кылбагын ашыга. Жолдош болгун эр барктаар, Жакшы адамдын кашына.
Ошондо жаның жай алып, Аш кошулсун ашыңа, Баш кошулсун башыңа.
Ак жолуңа жол кошкон,
Чак боюна бой кошкон, Алды жактан кезиксин Айдай бийкеч татына.
Оомийин!
- * *
Атаң-Манас.
Айлың Алаш. Балдарың баатыр чыксын, Топту жарып чыксын. Оомийин!
- * *
Пейлиңе талаанын кеңдигин берсин, Көөдөнүңө тоонун өрлүгүн берсин. Бабалардын байрагын берсин, Баатырлардын айбарын берсин.
Бакай бабаңдын акылын берсин, Кошой бабаңдын батасын берсин.
Сыргак эрдин билегин берсин, Чубак шердин жүрөгүн берсин, Алмамбет зардын тилегин берсин. Асман-Жер арасын буй кылган, Айкөл Манастын бир илебин берсин!
Оомийин!
* * *
Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол,
Жакшыга өнөк бол,
Жаман кезден алыс бол, Элиңе жөлөк бол.
Улуу журттун башы бол, Каптап кирсе калың жоо Каш кайтарар сеси бол.
Акыл-ойдун кени бол,
Адам таппас сөздүү бол,
Арыстандай айбаттуу бол,
Чалкар болуп көлдөй тол, Чалкыган узак өмүрлүү бол. Өмүрдүн баркын бил,
Жакшынын кадырын бил, Адамдын адалын бил. Достун адилин бил, Жарыңдын көңүлүн бил.
Эне сүтүн актай бил, Кудайдын амирин бил. Оомийин!
* * *
Көңүлүңө зак кетпесин,
Оору-сыркоо түк жетпесин, Дили кара душманды Бир жараткан өзү эптесин.
Дөөлөтүң колуңан кетпесин.
Арчанын бүрүн берсин,
Жолборстун сүрүн берсин, Акылмандын оюн берсин, Айдын калктын сыйын берсин. Өмүрүңө береке берсин, Көптөн көлөкө берсин.
Башыңан багың тайбасын,
Булбулдай үнүң сайрасын.
Жакшылыгың элиңе тие берсин, Тийген сайын булактап ийе берсин, Айткан батам кабыл келсин!
Оомийин!
* * *
Өлчөбөй өмүрлүү бол, Арчадай тамырлуу бол.
Ысык-Көлдөй терең бол, Кан Теңирдей касаба бол.
Бакайдай акылман бол,
Элиңе тумар бол,
Журтуңа асаба бол,
Бактылуу бол,
Малдуу бол, Элейген жолдон, Калайман жоодон сак бол. Байтеректей бой берсин, Бойго ширеп ой берсин. Дөөтүнүн күчүн берсин, Улукмандын жашын берсин.
Жат берсе бак берсин, Калкка үлгү нарк берсин, Теңирим сага көлөкөсүн тийгизсин.
Алдамчыга алданба,
Тайгак музга кабылба, Тар тузакка чалынба. Жорткондо жолуң болсун, Уучуң кутка толсун.
Жолуң шыдыр болсун, Жолдошуң Кыдыр болсун. Оомийин!
* * *
Теңир жолу ыйык деп, Биз берели ак бата. Жаш кошулсун жашыңа, Баш кошулсун башыңа. Ата жолун ардакта, Энени мазарыңдай сакта. Атанын эмгегин, Эненин мээнетин акта. Сабааң толсун кымызга, Чараң толсун уузга.
Ырысың ташып турсун, Абыроюң ашып турсун.
Агымы катуу дарыядан кеч, Элиңе түшкөн түйшүктү чеч. Бактысыздын багын ач, Калк жолуна алтын чач. Калк ичинде сасыткыдан Кара бою алыс кач. Жүрөгүң бийик кыр болсун, Душманыңа сүр болгун!
Оомийин!
ОЮН ЫРЛАРЫ
Кыргыз балдарынын элдик оозеки чыгармачылыгынын ичинде эң көбү жана кызыктуусу «Оюн ырлары» болуп эсептелет. Анын түрлөрү абдан көп, төмөндө бир нече кичине түрү гана үлгү катары көрсөтүлөт.
Чымчыкей. Эки бала өздөрү биринин колунун учунан колтугуна чейин чымчып, төмөнкү ырды айтып токтогон жерине чейин барып, колтукту кытыгылайт. Алакандан баштап:
Арпа куур, буудай куур, Ток талкан, ток талкан, Бул жериңде ак бит.
Бул жериңде көк бит,
Бул жериңде түлкү,
Бул жериңде күлкү (кытыгылайт).
Манжалар кеңеши
Бармак: – Ууру кылбайлыбы?
Сөөмөй: – Кылса кылалы.
Ортон: – Кудайдан кантебиз.
Аты жок: – Кудай келгиче.
Чыпалак: – Кууруп-сууруп жутуп иебиз.
Мында, бармак: Уурулук кылбайлыбы деген кеңешти баштаган үчүн күнөөсү көп болуп, кыска болуп калган экен. Ортон: – Кудайдан кантебиз деп ыйбаа кылгандыгы үчүн күнөөсү жеңил болуп, узун болгон экен. Башка манжалар да өздөрүнүн күнөөсүнө карай, узун-кыска болуп, беш манжа бирдей болбой калган имиш.
Баш бармак,
Бадал иймек, Ортон оймок, Оюу чиймек.
Кичинекей бөпөлөй.
Ак терек, көк терек. Ак терек, көк терек, Бизден сизге ким керек. – Жепирейген Жээнбек, Жетип келсин тезирээк.
Ак терек, көк терек,
Бизден сизге ким керек. Элден эл жагаар,
Бизден сизге ким жагаар. Тойго минген тору аттай, Толчуланган манаттай.
Кызыл бешмант кыз керек,
Жайлоодон түшкөн тору аттай Жайдары сулуу, сымбаттуу Жашыл чапан кыз керек.
Үркөр, үркөр топ жылдыз – Үркөр, үркөр топ жылдыз, Үркүп кайда барасың?
- Жоо желимге барамын.
- Жоо желимде эмнең бар?– Аштык айдар уулум бар, Жибек созор кызым бар.
Чикилдик оюну. Чикилдектен жеңилгенде, чикилдектин бир жабым узундугунан болбосо үч чабым узундугунан жеңилген бала өтө ылдам төмөнкү ырды ырдап келет:
Акбай,
Токбай,
Уяттары жок бай.
Катуу жорго кашка тай, Кадик болгон башка тай. Катуу чапса чарчаган, Жеткирбегин башкага.
Үстүңдөгү жаш бала, Уруп кетип аркага, Чабалекей чам-чум.
Таш мелжөө
Какты көр,
Караны көр,
Как жүрөктүн башын көр. Олокой, солокой,
Оңго тий, солго тий.
Как жүрөктүн башына тий.
Так теке.
Так теке ай, Так теке ай.
Муундарың бош теке ай, Мүйүздөрүң кош теке ай. Туяктарың шалактайт, Кулактарың шалактайт.
Бул ыр ооз комуз менен коштолуп, ооз комузга уланган жибек жипти чыпалак менен серпип, жасалган текечерчени ойнотуп кыздар ырдаган.
Коён томук тутуу.
Баатыр болсом маңдайыман чык, Чечен болсоң таңдайыман чык. Чебер болсоң колуман чык, Көрөгөн болсоң көзгө чык.
Басаган болсоң таманыма чык.
Коёндун томугун балдар жутушуп, ал томук дененин бир жеринен теринин алдынан томпоюп чыгат, ал чыккан жерге карай адамдын жөндөмү билинет. Коён томук адамдын жөндөмүн кууйт дегенге ишенген.
Жүн таптым.
Жүгүрүп-жүгүрүп жүн таптым, Жүн астынан тарак таптым. Тарагымды таттыга бердим, Таттым боз козусун берди. Конокко сойдум, Конок камчысын берди. Каз урдум,
Каз канатын берди. Көлгө салдым, Көл көбүгүн берди. Ак уюма бердим, Аяк-аяк сүтүн берди. Көк уюма бердим,
Көнөк-көнөк сүтүн берди.
Балдардын оюндары. Кыргыздарда эзелтеден улуттук оюндардын арбын экенин балдардын оюндарынан байкаса болот. Айрыкча, элетте тарбияланган балдар оюндардын көпчүлүгүн башынан өткөрүшөт. Ырас, айрым эзелки оюндар унутула баштады. Балдардын оюндарын кайрадан жандандырып, мектептерде спорттун бир түрү катары пайдаланса жакшы болмок. Кыргыз элинде болуп жаткан социалдык өзгөчөлүктөргө, азыркы өнүккөн өлкө катары жаштарга пайдасы гана тийген балдардын оюндарын коомдук турмушта жандандыруу керек. Маданиятты изилдеген адистердин божомолунда балдардын оюн түрлөрү 150 чейин жетет.
Балдардын оюну. Жерди сызып ойноо. Секирмек ойноо. Коон бышты. Коон үзмөй. Коюма карышкыр тийди. Чакмак алышуу. Куу түлкү. Мышык-чычкан. Так орун. Чабалекей. Чыбык ат. Этек тепсемей. Салмоор тегеретмей. Баш кийимди ала качуу. Кыйык атуу. Жыдыкей (жыдымай). Уяга топ таштамай. Токол эчки. Муз тебүү. Чака тепмей. Арканга чыгуу. Баканга чыгуу. Казак оюн. Тегеренмей. Чикилдек (чикит). Чөө. Эшек секиртмей. Жөө кунан чабыш. Теке чабыш. Кан тургузмай. Корозчо урушмай. Топ тебүү. Сокур бүркүт. Дем албай туруу. Жаман тузак. Кылтак. Мылтык менен аң уулоо. Тайган салмай.
Бат айтуу. Коён секириш (тебиш). Тым-тым. Көлгө түшмөй. Канымдат. Уюм тууду. Жедирмек-сасымай. Куржун. Куу түлкү. Опоң-чычаң. Оромпой тебүү. Ортого турмай. Соку жанчмай. Сүт ичмей. Тик орун. Таш жарыш. Кулак текей. Тесек берүү. Сокур теке. Төө жана бото. Урмай топ. Кош аяктап жүрүү. Маңгел уруш. Артына уяга топ таштамай. Ит жалатмай. Эчки келин. Эчки чапты. Үч тапан.
Муз тебүү: Шаңги тепмей. Чана тепмей. Боортоктоп жылуу. Даракка чыгуу. Дөбөгө боортоп чыгуу. Дубалдан ашуу. Үймөк чөпкө чыгуу. Баш менен турмай. Омпо-чомпо. Аңкилдек. Жашынмак. Токту сурамай. Чикит ойноо. Жерди сызып ойноо. Секирмек ойноо. Ак терек. көк терек. Топчу сурамайАла күчүк. Жөө жарыш. Бычак атмай. Түлкү куумай. Жүгүрүү. Коён секириш. Орок таштамай. Казак өкчөмөк. Салмоор тегеретмей. Табышмак айтуу. Котур тайлак. Кан таламай (кан талакей). Тайкел. Тегеренмей. Таш жарыш (таш мелжөө). Токту сурамай. Топу катмай. Тушоо менен басуу. Топ тебүү. Укуй. Урмай топ. Уурт тапмай. Учту-учту. Үч тапан. Канымдат. Чакенвеш. Чакмак алуу (беш таш). Чикит чабуу. Айгыр-байтал жазасы. Чок койдум. Чур кармоо. Чучукулак кармоо. Чүкө атыш. Шабиет. Табышмак. Калп айтуу. Шамга жат. Эдиге. Эл чабар. Эңке таал. Түлкү куумай. Ачакей-жумакей. Кылыч чабышуу. Муш кетти. Төө басты. Күзгүбү же таракпы. Чымырекей чым. Бат айтуу. Жаңылмач.
Чүчү кулак. Бул – арабөк, элкин, ашыкча турганда калыстыкта бөлүп алуу. Адатта, оюн эки топко бөлүнүп ойнолот. Ошондо бирөөсү оюнчулардан ашып калат. Оюн башчылары мындай чыгып, бармактарын оозго салып, шилекейлеп алиги арабөк балага сунган. Бала кайсы бармакты кармаса, ошондон бирдеме чыкса, ошол топко өнөккө кошулган. Өнөк – бир максатта жаат туруп, ойногон тарап. Өнөктөшү бир. Утуш үчүн бир намысты көздөп ойноо. Мына ушул чүчү кулак карматуу деп аталат. «Чөп жашыруу» аркылуу да чүчү кулакты ыйгарып алса болот.
Чөп жашыруу, таяк кармоо, үлүш бөлүштүрүү талаа жеринде балдар ышкынга, балыкка, карагатка чыкканда, анан мергенчиликке, мал союп, эгин бөлүп алууда ж.б. жайларда арбын болор эле. Албетте, андай калыстык элибиздин төптүгүн, тактыгын, чынчылдыгын баамдатат.
Хан – Вазир. Бул оюнду жаш балдар да, чоңдор да ойношот. Оюн башталарда тегерек тартып отурушат. Оюнга төрттөн адам катышат: 5, 6, 7, 10 болушу мүмкүн. Үч киши катышса, оюн болбой калат. Себеби чүкөнү өкчөгөндө айкүр (алчы) консо, хан болот. Таа консо вазир болот. Чик консо, ууру болот. Бөк консо сопу болот. Эгерде үч киши ойносо, бирөө ар дайым ууру боло берип, оюндун кызыгы кетип калат. Ошондуктан көбүрөөк киши ойносо, кызыктуу болот.
Адетте чүкө айкүр, таа аз конот. Ошого карап хан, вазир жай алмашат.
Оюндун шарты боюнча биринчи хан шайланышы керек. Чүкө айкүр турмайынча катары менен өкчөй беришет. Качан айкүр конгондо өкчөгөн киши хан болот да, чүкөнү өкчөөдөн калат. Анын чүкөгө кол тийгизүүгө акысы жок. Ага кол тийгизсе, жыдып калат да хандыктан түшөт. Хан шайлангандан кийин таа тургузган киши вазир болот. Ошондон кийин оюн жандуу боло баштайт. Анткени андан кийин өкчөгөн кишинин чүкөсү чик болсо, дароо вазир: «Ууру кармадым» – деп, кармап келет да, ханга кайрылат.
- Ханым, дат? – дейт вазир.
- Дартың болсо айт! – дейт хан.
- Ууру кармадым.
- Эмнеңди уурдаптыр?
Вазир: – Үч же беш коюмду уурдады, – дейт. Же каалаган буюмдарын, малдарын айта берет. Бирок мында оюндун башында ойногондор тарабынан макулдашылган санды тактап айтканда, жуп санды же так санды гана айтыш керек. Эгерде жуп санды айтууга макулдашып, так санды айтса (мисалы: 2, 4, 6, 8 дегендин ордуна 1, 3, 5, 7 деп алса) жаңылган катары түшүп калат. Вазир ууруну кармаганда 3 коюмду же 5 коюмду уурдаттым дейт. Эгер ал айтпайбыз деген (4, 6) санды айтып алса, түшөт.
Ал эми хан кескенди жаңылып айтпайбыз деген жуп сандын эсебинде кессе (мисалы, 4 билек (шап) ал десе) хан дагы түшүп калат.
Катары менен өлчөнүп жаткан чүкө айкүр же таа турса, вазир которулат. Эгер чүкө оңко турса, оюн бузулат. Кайта башынан ойнолот. Оюн кызыктуу болсун үчүн, хан кармалган ууруларга ар түрдүү кесет. Мисалы, беш билек ал, беш укуй ал, беш төөматек ж.б. Оюн ушул сыяктуу улана берет.
Бат айтуу. Бала колунун бармактарын бирден жумуп:
- Баш бармак,
Бадал жүрөк, Ортон оймок, Оюу-чиймек.
- Чыйп чыпалак, чычайган арам тамак! – деп, так обон менен ырдап ойнойт.
Кол жашырмай. Аты жокту башкалардан ажырата билүү үчүн жашырмай оюну ойнолот. Бир бала колдун ар бирин орун алмаштырып, экинчи колу менен баштарын бириктире кармайт да: «Тап, тапкыч» – деп, экинчи балага колунун башын көргөзөт. Экинчи аты жокту тапса тапты, таппаса кайрадан биринчи бала жашырат. Эгер тапса, экинчи бала аты жогун жашырат.
Бүркүттүн тумшугу. Эки бала ар бири сөөмөй менен бармактарын тийиштирип, бүркүттүн тумшугуна окшоштурат. Анан биринчиси экинчисинин колунун сыртынан оорутпай чымчып:
- Менин бүркүтүм бийик учат, – дейт. Экинчиси колун бошотуп, биринчисинин колунун сыртынан оорутпай чымчыйт да:
- Менин бүркүтүм бийик учат, – дейт. Ушинтип кайталанып, балдардын бою жетпей калгандай бийиктикке чейин жеткирилет да, оюн кайрадан башталат.
Чабалекей (чаап) ойноо. Колго кармала турган жоондуктагы жыгачтан (узундугу 60 см 1 метрге чейин болгон) чабалекей жасайт. Анын баш жагына балек токтой турган орун жасайт. (Балек 15–20 см узундуктагы жоондугу сөөмөйдөй болгон жыгач). Чабалекейдин баш жагына балекти коюп, көтөрүп ыргытып чабат. Андан мурда чабалекей ойногон балдар экиге бөлүнөт да, чабалекейди туттум кармашат, «туттум» деген ойногон бала колу менен жыгачты кармайт, экинчиси андан кийин кармайт. Ошентип экөө алмак-салмак кармап отуруп ким жыгачтын башына мурда чыкса (кармаган жыгачтын) ошол чабалекейди мурда чабат. Оюндун шарты боюнча эки жак белгилүү санды «тай» катарында эсептейт. Мисалы, 100 же 200 «тайды» ким мурда бүтсө, ошол уткан болот.
«Тайды» утуп алуу шарттары төмөнкүчө: Чабалекей чапканда балек элүү, жүз метр алыс барып түшөт. Аны тосуп албаса, кайта чапкан жакка ыргытат. Чабалекей чаап жаткан бала тосуп туруп кайта чабат. Тийсе да, тийбесе да марага чейин (оюндун борбору) чабалекей менен санап келет. Ошентип оюн улана берет. Чапкан мезгилде балекти тосуп алса, же кайра ыргытканда дал марага келип түшсө, экинчи жаак чаап, мурдагы чаап жаткандар тосуп алат. Ошентип отуруп кимдин «тайы» белгиленген санга мурда жетсе, ошол уткан болот.
Уткан жак утулган жагын «чымылдатат». Мунун шарттары: Уткан бала чабалекей менен балекти иликтейт. Ал канча жолу иликтесе ошончо жолу (мисалы, 2, 3, 4) чабалекейди улап чабат. Башкача айтканда, 100 же 300 метрге чейин кээде андан алыс барат. Ошол балек барган жерден утулган бала чымылдайт. Анын тексти:
Ак бай, ток бай,
Кара менде кашка тай,
Кулду-кулду-кулду бай,
Куруп калган санды бай, Акалекей, чабалекей Чым м… м… – деп чуркайт.
Чымылдаган бала дем албоо керек. Дем алса ошол жерден кайра чаап узартат. Акыры «чымылдап» отуруп марага жеткенде кутулат. Чымылдап марага жете албаса, уткан баланы көтөрүп марага алып келет. Уткан бала көтөрүп келатканда ха..хи.. чү.. деп мазактап ойноп күлүп келет.
Бөрү кой. Түндө бир топ балдар жайдын күнү чогулуп алышып, эки жаат болушуп, бир тарабы сырткы кийимдерин чечишип кой кылып жайып ташташат да, кой кайтарган болушат. Экинчи тараптагы балдар бүт карышкыр болушуп, жайып ташталган кийимдерди бирден келип ала качышат. Койдун ээлери карышкырларды жабыла кууп токмоктойт да кармап алышат. Бирден кармалып олтуруп, бүт колго алынса, алар кой ээси болушуп, кийимдерин кой кылып жайып, беркилер карышкыр болушат.
Оромпой. Балдар тепетең экиге бөлүнүшөт. Биринчи тараптан бир бала качат, берки жааттын бир баласы оң бутун көтөрүп алып сороктоп кууйт. Жерди тегерете чийип, белгилеп коюлган болот. Бир тепкенде ал бала тышка чыгат, аны үркүнчөөк байтал дейт. Ошо жааттын дагы бир баласы түшөт. Кууп жүргөн баланын буту жерге тийсе, ал баланын оюну жыдып, калган жолдошторунан бир бала ордун алат. Бир тараптын балдары кууп жүрүп, үч баланы тепсе уткан болот. Кезектешишет. Уттурган жактын баласы качат. Уткан жак кууйт да кармап, минип келет.
Шабиет. Балдар тепетең эки жаат болушат да чөп жашырышат. Бир тарабы бүт чийиндин ичине кирип, төрт аяктап турушат, берки жааттын балдары бүт бойдон сабап чыгып турушат, чектин ичиндеги балдардын бирөө эле бир баланы тебе алса уткан болот да, уттургандар ичке киришет.
Аксак кемпир бапалак. Түндө бир топ балдар чогулат.
Бир бала тебетей тонун аңтара кийип ар кандай сөздөрдү айтып, төрт аяктап басып балдарды кубалайт. Балдар качып, тебетей жана башка нерселер менен урушат.
Коон үзмөй. Түндө балдар эки жаат болуп, бир тарабы кучакташып чубаша отурушат. Турган балдардын бир баласы келип, олтурган балдарды бир баштан тартат. Бирөөн үзүп кетсе да, калгандарын тартат. Тарта албай калса, тигилер тартат.
Бөрү салмай. Жайдын бир күнү бир топ балдар тайларын минип келишет да камчыларын теңештирип, камчысы кыска болгону тебетейин жерге таштайт, аны кайтарып турган болот. Бардык балдар тебетейин камчылары менен чабышат. Тебетейдин ээси аларды кубалайт, бирөөн кармаган болсо, ал баланын тебетейи ташталып, оюнду уланта беришет.
Чөө бөрүм. Түндө бир топ балдар чогулат. Бир бала бети-көзүн боёп, эки тебетейди мүйүз кылып, жаагын таңып, тонун да аңтара кийип, балдарды кубалайт.
– Чөө бөрүм нары кач,
Чөндөлөйүм бери кач! – деп балдар алышат.
Эшек секирмей. Эшек секирмей боз балдар жана жигиттерден аралашып ойногон оюн болот. Бул оюн дагы шамдагайлык, күчтүүлүк, маштыкты үйрөтөт. Эки жаат болуп ойнолот. Эшек секирмей деген оюндун түрү мындай болот. Балдар экиге бөлүнөт дагы таяк кармашат. Бир таякты ыргытып жиберип, биринчи жааттын баласы туруп кармап калат. Экинчи жааттын башчы болгон баласы тигинин колунун жогору жагынан кармайт, кайтып 2 бала анын өөдө жагынан кармайт. Ошентип, улам бири кармап отуруп учуна чыгат. Таяктын учу жетпей калган бала жеңдирген болуп калат. Жеңдирген тараптын бир кабелтең тооштуу баласы эң алдына казык болуп тикесинен турат. Анын аркасынан бир бала казык болгон баланын белинен кармап эңкейип турат. Анын жамбашынан кармап дагы бир бала турат. Бала канча болсо биринин аркасынан бири чиркешип, эңкейип туруп беришет. Анда берки тарап балдардан бир учкаяк, жеңил бала эң алдына жүгүрүп, катуу барып тигилердин аркасынан секирип барып жеткен жердеги эңкейип турган балдардын биринин жонуна минип калат. Анын аркасынан бири секирип барып алдыңкыларынын артындагы балага минип калат. Калган балдар канчоо болсо улам бири секирип барып, биринин аркасынан бири учкаша берет. Агерде бул секиргендердин бир да бири менен кала албай оодарылып, жыгылып калса жеңдирген болот. Бул эңкейгендерге туруп берет. Жыгылбай эле бардыгы секирип келип минип калса, эң алдыңкы келип минип турган бала дем албай элүүгө чейин санайт. Ошого чейин жыгылбай же буту жерге тийбей минип турса, кайра дагы секирип мине берет. Булар секирип келип минип жатканда эңкейип турган балдардан бирде бир майышып, жыгылып кетсе, булар жыдып калган болуп, жаңкылар дагы кайра секирип мине берет. Секиргендер оодарылып жыгылып калса, же буту жерге тийип калса, эңгендер секирип минет. Анда дагы жогоркудай тартип менен ойной беришет. Бул учурда эңкейип турган балдардын биринин үстүнө эки же үч бала минип калса, жыгылып калууга болот. Секирип минип жаткандарга орун калбай секирип келип минет.
Жедирмек. Балдар же жигиттер чүкө утушууда ойнолот. Эки кишиден тартып, канча киши болсо ойной берет. Жедирмек деген оюнда бир, эки бала же андан көп бала бирден чүкөсүн чогултуп туруп, бир бала калчайт. Ал чүкөлөрдүн бири же экиси алчы түшүп калса, алчы чигелердин баарын алып калат. Кайра дагы калчайт. Алчы чиге түшсө, аларды дагы алып алат. Агерде таа түшсө бир чүкө кошот. Эки таа түшсө эки чүкө кошот. Акыры таа түшкөн сайын таа башына бирден чүкө кошуп отуруп чүкө көбөйөт. Чүкө көп болгондо алчы, таа аралашып түшөт. Анда «сасып калдың» деп убактылуу аны чыгарып коё туруп башкалары калчайт. Алардыкы да алчы, таа аралаш түшө берсе, алар дагы сасып калт. Бардыгы сасып калса кайта баштан баарысы калчайт. Алчысы жок эле таа түшө берсе таанын санына карай бирден чүкө кошо берет. Агер таа жок болуп, алчы түшсө алчыга бардык чигени кошуп алып алат. Бул оюнду сасымай деп коёт. Эми сасымай эмес эле жедирмек ойносо алчыга кошулуп, чиге түшсө канча чиге болсо да алчыга кошуп ала берет. Агер таа түшсө бөгү чүкө канча болсо дагы кошуп алат. Агер тааны алчы жейт. Алчы бөгөнү кана жебейт, мунда жедирмек деген оюн ушул болот. Жедирмектин аягы сасымай болуп чыгат. Жедирмек өзүнчө ойнолгондо алчы чүкө тааны, чигини жеп коёт. Бөгөнү гана жебейт. Жеди деген сөз алчынын ээси утуп жатат деген сөз болот.
«Баш бармак, бадалакей…» Балдар: «Баш бармак, бадалакей сүйрү баш (сөөмөй), ортонакей чекилик (ортон), ой баласы Солтоной (аты жок), кичинекей бөйтөнөй (чыпалак)» – деп, чечмелеп ойношот.
Урушмай. Ойноочулар эки тарапка бөлүнүп, эки тараптын да башчылары болот. Анан бир баланы четке каратып, эки колун жогору көтөртүп коюшат. Ал кайсы колун мурун түшүрсө, ошол тарап жатышат. Каршы тарап аларды урушат. Эгерде отургандардын бирөө урган адамды тээп койсо, алар жатышат. Ошентип ойной беришет.
Чикелек оюну. Мында да эки тарап болушат. Бир нерсени алып, эки тараптын башчылары ат кармашат. Кимиси үстүнө чыкса, ошол чикелекти чабат. Чикелек үчүн бир метрдей таякты алып, бир жак учун азыраак жалпак кылышат. Ошол чикелектин жалпак учун бир карыштай балекти коюп, аны секиртип уруп жиберет. Оюндун башында бир нече кадамды шерт (мара) кылып коюшкан болот. Балекти урганда ким ошол урулган балекти кармап алса, же урган жерге таштап, коюлган чикелекке тийгизсе, ошол тарап чикелекти кезектешип ура баштайт.
Кур жоолук таштамай. Канча болсо да балдар тегеректеп отурушат. Бир баланы чыгарып, курду эшип колуна берет. Ал бала курду алып балдарды айланып, бирөөнүн артына курду таштайт. Эгерде ал бала билип калса, дароо курду алып, ал чуркап анын ордуна келгиче кур таштаган баланы ура берет. Эгерде билбей калса, кур таштаган бала аны ордуна кайра келгенче ура берет. Бирөө курду алып, аны кууп ордуна келип олтурганча, оюн уланат.
Чүкө салмай. Эки бала койдун эки чүкөсүн алат да кармайт. Ар ким: өз чүкөсүн билет. Алчы чигени жейт, таба бөгөнү жейт. Ошентип ойной берет. Ким «жесе», ошол жеген чүкөнү ала берет.
Чүкө өкчөмөй. Эки бала эки чүкөнү алып, бирден өкчөйт. Кимдин чүкөсү консо, (бири бөгө, бири чиге түшсө) алып бекитет. Алып кармаган чүкөлөрү айрым болуп түшөт. Ал кармаган бала ошол, айрым түшкөн чүкөлөрдүн кандайын кааласа, экинчи балага тап деп айтат. Ал эки чүкөнү алып кармай баштайт. Мурунку баланын айтканын тапса алат. Алдыңкы баланын айтканын (эки чүкөнүн биринин түшкөнүн) тапса да алат. Таба албаса, мурунку бала алат. Алган бала эки чүкөнү да алат. Ошентип ойной берет.
Кал (таз) эчки тапты. Жерден чуңкур казышып, үй жасап, ал үйгө бирден бала таяктын учун чуңкурга сайып турат. Үйлөрдүн ортосунда ордосу болот. Аны да казып коёт. Андан көр сайды деп, көздөрүн жуумп, ордого сайышат. Ким сая албай калса, эчки деп, бир тоголок ташты ордого айдап келет. Башкалар киргизбей тоскоолдук кылып айдап турушат. Ошентип ташты айдап келген бала үйдөгү балдар тоскоолдук кылып турганда анын үйүнө мурда сайып алса, ал үйдү тартып алып, ал балага ошол үйдү кайтарып турган бала эчки айдашат. Ошентип отуруп ордого акыры бирөө киргизет. Анда «бай көчтү» деп биринин үйүнө бири келип кирет. Ким үй таппай калганы эчки айдайт. Бул оюнда балдардын санына бир үй кем болот.
Ак сөөлмөк (Ак чөлмөк). Айлуу түндө балдар эки тарап болуп, бир жерди белгилеп бир нерсе коёт (Таш, чапан) ж.б. Андан бир тарап бир карыштай жыгачты (ак сөөлмөк) алып, ыргытып жиберет. Аны издеп таап алып кайсы тарап болсо да, колунан тарттырбай алып келип таштаса, бир оюн алган болуп эсептелет. Ошентип ойной берет. Ким паттеге (белгиленген жерге) таштаса, ошол тарапты көп таштаганы эшек кылып минет. Ак сөөлмөктү ыргытып, ошого жеткиче айдай берет. (Минип барат.)
Уюм тууду. Адам башына бештен чуңкур жасап, ал чуңкурга бештен коргол салат. Анан корголду бирден алат, ким эң кыйын алса, ошол жүрөт. Жүргөн адам беш корголду алып, өзүнүкүнөн баштап бир-бирден салып чыгат. Төрт корголдун бирин «Уюм тууду» деп алат. Анан экинчи адам (коргол салган) корголдун башынан жүрөт. Анын биринчи чуңкурунда беш болгондуктан ую туубайт. Анан дагы экинчиси жүрөт. Ошентип жүргөндө төртөө болсо, ую тууйт. Эгерде арасында бир бош чуңкур болсо, анын жанындагы чуңкурдагы корголдун бардыгын алат. Ошентип ойной берет. Ким көп утуп алса, ошол жеңет.
Көз таңмай. Көз таңмай деген оюн ашта, тойдо жана келин алуу, бала олтургузуу чоң жоро, шеринелерде, бала төрөлгөндө болот. Ал көз таңмайга ар бир таланттуу киши чыгат. Мен чыгам деген кишинин көзүн баякы калыс кишилерден келип, бул урук элдин кишисинин көзүн башка бир уруктан чыккан калыс киши жоолук менен жылчыксыз байлайт. Алардын көзү байлана электе элдин орто жерине узун таяктын учуна жоолук байлап жерге бекем сайып койгонун көрсөтөт. Анын байгесин жарчылар мурда угузган болот. Көзү таңылган кишилерди «жанакы таякты таап ал» деп туш-тараптан баарын тең коё берет. Мында карап олтурган көпчүлүк элге күлкү пайда болот. Анткени баягы кишилер ар бир жакка темселеп кулачын жайып баса берет.
Чакмак. Чакмакты эки же төрт, же андан арбын кишилер эки тарап болуп чакмак алышат. Чакмакка киши башына бештен же ондон таш, же чүкөдөн алышат, эгер өтө чакмакчылар болсо байге сайып ойношот. Берчиликтин же шоктун ойну болот. Чакмак алуунун тартиби: чакмак деген оюндун түрү мындай: Бештен он киши же үчтөн алты киши эки жаат болуп чакмак алууга мелдешип, ар бир оюн сайын бир койдон же андан азыраактан байге сайып беттешет. Бул кишилер эки айылдан же эки топтон же бир айылдан болсун бирден эки эле чакмак алышууга болот. Киши башына 10, 15, 20 таштан ээлешет. Таш деп чүкөдөн алганын айтат. Чоң эмес, кичине эмес, орто чүкөнүн томологураагынан алышат. Абал мурда ченешип көрүшөт. Ченешмей деп колундагы он беш ташты алаканын өйдө карата өкчөп жиберип колунун сырты менен тосуп калат. Таштын баары же көпчүлүгү колунун сыртына токтолуп калат. Аны кайра өөдө экчеп жиберип, колун таштын үстүнө имерилтип барып уучтап калат. Ал таштардан уучтатпай бирде бири ыргып кетсе колундагы калган ташты гана эсепке алат. Жана бири ошондой чегип көрүп, мунун ташы арбын болуп калса экөөнүн ташын чогултуп алып, бул киши чакмак алмак болот. Эки колун жанаша тосуп туруп жаңкыдай эле чегет. Колунун сыртына 7, 5, 4 чүкө токтоп калат, аны азыраактан токтотуп калыш чакмакка устачылыгы болот. Себеби жерден чачыранды жаткан таштарды ошол тобундагы ташка карай тартат эмеспи, учурунда беш таш болсо жерден дагы беш ташты тартып келиш керек. Маселен, колуна бир ташты огум деп кармап туруп, бир жарым же эки метр жогору ыргытып жиберип, ошол огу кайра келгенче жерден беш ташты ар кай жерден жыйнап уучуна алып, жогортон келаткан огун тосуп, беш таш менен бирге кармап келип беш ташты жерге коюп, баякы огун дагы ыргытып, жанакыдай кылып олтуруп, жерде калган чүкө бешке жетпесе тим гана чогултуп алып, бул сапар бу ташты музоом деп алып коёт. Анын жанында музоо кайтарып олтурган кишиси болот. Кайра дагы чегин баякыдай жол менен алат, бирок колдун сыртында канча таш токтоп калса, ошончо чүкөнү жерден алып туруу керек болот. Ыргыткан огун кармай албай калса жыдып калат. Эгер жерден төрт таш алмак болсо бир жерде чогуусу менен чокмороктошуп 8–9 чүкө жатса, огун үч ыргытым менен топ чүкөнүн улам бир экиден колдун учу менен бери томолотуп жатып бешөө болгондо алып кетет. Огун үч ыргытканда кармабай алаканы менен кайра кагып жиберип турат. Бирок ок жай келсин деп эки, үч метр алыс кагат. Ал өтө адистик менен какпаса, ок башка жакка кетип калуусу мүмкүн. Чакмактын жыдый боло турган жерлери: огун кармай албай калса, жерден тартуучу ташты артык же кем тартса, топту таштын четинен илип тартуучу таштан башкасына колун тийгизип алса жыдып калат. Жана жердеги чачылып жаткан таштарга тийип калса дагы жыдыйт, ар бир ченем алган сайын бирден ташты музоо кылып олтуруп, тиги тараптан арбын музоо ашык алса эле уткан болот. Чакмакты бири жыдыганда бири алып кезек менен ойношот. Экиден, үчтөн болуп жаат болуп ойносо бир жаат алып бүткөндө тиги жаат ойнойт.
Оромпой. Оромпойду боз балдар, жигиттер бештен же андан көп киши болуп эки тарап оромпой тебет. Тийирип салган кишилер оюндан калып олтуруп бир жааты утат. Оромпойдун тартиби: оромпо тебиш деген оюндун түрү мындай: Балдар 10, 15тен болуп эки жаат болуп бөлүнүп алат. Бөлүнөрдө эки тараптан эки бала ак сакал болуп чыгып, бирден баланы кезек менен тандап алып туруп, балдардын барынча бөлүп алышат. Баякы башчы болгон эки бала чөп жашырат, чөп жашырган мындай болот, элден обочороок туруп чөптү үзүп алып, эки алаканына салып, оозуна сала койгон болуп, эки колунун бирине жабыштыра коюп, колун жумуп калат. Берки бала барып, өзүнүн эки кулагын чукугансып тигинин бир колун ачып, чөптү таап алат да, тигилерди баскыла жүккө киргиле деп айдайт. Жарчысы 6, 7че саржан жерге тегерете короо шекилдүү тегерек тизип койгон балдардын кийимдерин айтат. Оюндун тартиби боюнча тигилер чөптүн ичине кирип, бир бутун бүктөп алып, бир буту менен сокоңдоп оромпой тээп жүрө берет. Тиги тарап качырып кирип, буларды жаакка, куйрукка, капталга кайсы туш келген жерине алакан менен тартып жиберип, качып берет. Аны кубалап, оромпойчондор жетип тээп калса, тигилерди чөпкө жерине кууп барып салышат. Жанакыдай алар дагы аксаңдап жүрө берет. Кайсы бир учкаяк күлүк балдар оромпойчондорду бөйдө чамдай деп туш-тарабынан качырып кирип, алдастатып көп уруп кетишет. Буларды жыдып калмайы эле оромпойчонго тептирип салганы болот. Оромпой тээп жүргөн бүктөп жүргөн.
Дүмпүлдөк. Дүмпүлдөк – боз бала жана келин-кыздардын оюну. Көпчүлүгү түңкү ай жарыкта ойнолот, күндүз эркек балдар гана ойнойт. Дүмпүлдөктүн тартиби: дүмпүлдөк деген оюнда дагы балдар эки бөлүнүп алып чөп жашынмай кылып, чөптү таба албаса ошол тарап калса атат. Жатканда балдардын бир тарабы чокмороктоп, баштарын катып, көчүгүн томпойтуп берет. Алардын үстүн чапандары менен жаап коюп бир күлүк бала аркандын бир учун жаткан балдарга карматып коюп, бир учун колуна кармап алып, жаткан балдарды кайтарып коруп турат. Тигилер туш-тараптан бөйдөй-чайдай деп качырып кирип кийиз пайпак, эшкен жоолуктар менен чогулуп жаткан балдарды токмоктоп кетет. Аркан кармаган бала улам бирин кубалап тап берип, кайра чуркап жатып, ал кара сууга түшүп, жинигип калгандай болуп, жүрүп кабылта түшүп, тигилердин бир кашаңыраак баласына жетип тээп калса жабыла чурулдап тура калып чүкө байтал деп тигилерди жаткырат. Бул таяк жеп калгандар жанын аябай кашаңдарын аркага коюп, өтө күлүк балдар буларды токмоктоп кирет. Булардын аркан кармап коруп жүргөн баласы өтө шамдагай күлүк бала болсо, жаткан балдарын көп урдурбайт. Бул аркан кармаган баланы бет алып жүрүшү жагынан жана аркасынан кетпей эң бир сак болуп жүрөт. Камалып турган балдардын энөөрөгүн, кашаңыраагын байкап туруп, качырып сала берип, байкоосуз турган баланы шамдагайлык менен барып, оң буту менен тээп калса, чөктө жаткан балдарын куткарып алат. Бирок чөктөн чыгып барып тебишке болбойт. Чөккө жатпаган балдар чөптүп тышында жүрө берет. Жаткан балдар эч кандай аракет кылууга болбойт. Таяк жебей жатканына эле маашырланып жата берет. Бул эки тарап өчөгүшүп калса, же алардын арасынан бир-эки баланын эрегишип жүргөн жери болсо пайпакка таш салып алып чабат. Ал чабуучу баланын кайсы жерде жатканын даана билип туруп чабат. Алардын көбүнчө өчмөнтөйлүү болуп калганы бул оюнда кыз-эркек дебей аралашып ойнойт эмеспи. Өзүнүн айылындагы кыз тигил айылдын баласынын тарабында болуп чөктө бирге жатып калса ошонун ич күйүүсү менен аябай чабууга кыжырланат. Же мурда бир урушуп калган балдар болсо баштапкы ичинде жүргөн кеги менен чабат. Аны байпакка таш салып чапканы билинип калса бала айыптуу болуп тогуз шап берип кутулат. Шапты таяк жеген бала өзү алат. Шап деген сөз сөөмөй ортону менен аябай билекке чабат.
Элден-элден эл чабар. Элден-элден, эл чабар деген боз балдар жана 10–11 жашар кыздардын оюну. Муну канча болсо да эки бөлүнүп алып ойнойт. Элден-элден, эл чабар оюндун түрү мындай: Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат. Чөптү таппай калса тиги тарап биринин колун бири кармап, кыркасы менен туруп берет. Бул катар тургандар чымырканып, колдорун бекем кармашып туруп, тиги тарапты чакырат: «Элден-элден, эл чабар, чала кыз деген бок чабар» – деп чала кыз эркек бала катуу чуркап барып күч менен катар турган балдардын кармашып турган колдоруна катуу тийип өтөт. Аны өткөзбөй токтотуп калса, өз катарына тизип алышат. Эгер токтотуп калалбаса, ортосунан бөлүп, азыраак жагын айдап кетип өзүнүн тарабына кошуп алат дагы, кол кармашып катар туруп, тигил алдырган жакты чакырат. «Элден-элден, эл чабар Итбай деген бок чабар», – деп Итбай дагы эң бир кайраттанып катуу барып, бузуп өтөм деп өтө албай калса колго түштү деп, аны дагы катарына кошуп алышат. Нөөмөтү менен тигилер дагы чакырса, дагы барып бузуп кетсе кетти, бузалбай калса колго түшүп калат. Кыскасы, кезек менен бир тарабы, бир тарабын чакырып токтонуп калып, өз тарабына алып качырып барганда буза коюп, бөлүп кетип жүрүп бир тарабын калтырбай жеңип алганда, эң артта калган баланы сен башчысың деп таардап кетишет дагы кайрадан башка оюнга киришет.
Токту сурамай. Балдар эки тарапка тең бөлүнүп алып өйүз-бүйүз болуп кырка олтурат. Ар бир балага жашыруун ат коюп алышат. Чөп жашырынып, кайсы таппай калган жагы тынч олтуруп калып, берки тарабынан бир бала туруп барып, тиги тараптын бир баласынын көзүн эки колдоп, алаканы менен басып туруп, жаңы коюлган атынан айтып өз тарабынан бир баланы чакырат. Мисалы, Туткожо, Туткожо дегенде ал келип көзү басылып турган баланы чекеге катуу чертип кетет дагы өз тарабына барып, ордуна олтуруп калат. Көздү басып турган бала, көзү басылып турган баладан күзгүбү, таракпы деп сурайт. Ал бала күзгү деп койсо, күзгү деп анын көзүн алаканы менен бек сыдырып кетет. Көзүн сыдырткан бала ордунан туруп басып тиги тараптан туткун деген жаңкы чекеге черткен баланы таап алат. Таап алса, колунан жетелеп алып келип, өз тарабына кошуп алат. Эгер таппай калып бөлөк баланы кармап калса, ошол тарапка олтургузуп алышат. Андан кийин берки тараптан бир бала туруп барып тигилердин бир баласынын көзүн басып туруп, өз тарабынан бир баланы чакырат: – Чымчык бери кел, – деп. Жаңы аты Чымчык коюлган бала келип, көзү жабылган баланы чекеге катуу чертип кетип барып ордуна олтуруп калат. Көзүн басып турган бала майбы, көмөчбү деп сурайт. Май деп койсо, майы деп көзүн сыдырып коёт. Ал бала барып Чымчыкты таап алат. Таппай калса, ошол топко олтуруп калат. Кыскасы, кезек менен ошондой ойноп олтуруп, акыры бир тарабы утуп чыгат. Утканы эле бир тарапка бала койбой өз тарабына жыйнап алуу болот. Уттурган тараптын башчы болгон баласын таардап, бардык бала тебелеп кетишет. Бул оюн ушул түр менен ойнолуп бүтөт.
Жөө оодарыш. Баягы эки тарап эки топ болуп туруп, арасынан бирден балбан баланы ат кылып атайт. Бирден тең кылып атап, эки балбан баланы эки баатыр бала минип алып оодарышка чыгышат. Бул ат болуп жүргөн балдар төрт аяктап жүрөбү, эки тараптын убадасы боюнча жүрүшөт. Ат болуп жүргөн балдар балбандыгынан үстүндөгү баатырын алдырбай өтө омоктуулук менен далайга сактап жүрөт. Минип жүргөн балдар колдон, буттан, моюндан алып аябай жулкушат. Кай бирлери шымдан алышабыз деп шым, ыштандарын айра тартып жулуп-жулуп алат. Шымымды, ыштанымды айрып салды деп ызаланган бала уруша кетет. Калыс балдар баатырдын шымы айрылганда уруша кетчү беле дешип аш-тойдогу оодарыштарды көргөндөрү ажыратып коёт. Эгер ажырашпаса бир аз мушташып басылат. Кайтып башка балдардан ат кылып баатырды аткарып оодарыштырат. Оодарыштан алып кеткени байгеге сайган төөматегин алат. Төөматек деген сөз алдырган баланы жылаңбаштап туруп, оодарып алган бала колун шымаланып, төбөсүнө чыканагын коюп туруп, катуу тартып кайра сууруп, муштум менен бери сүрүп, кайта нары муштап кетет. Бул оюн кыскача ушундай түр менен гана ойноло берип бүтөт.
Чикит. Эки бала чыгып чикит чаба турган болсо, абал эле жерди узатасынан жырып коёт. Камчы саптай болгон бир жыгачты таяк деп белендеп коюп, туташа ченеп бир жыгачты баягы жырган жерге көпүрө кылып коюп, бир бала колундагы таягы менен жырган жерге салып туруп, көпүрө болуп турган кыска жыгачты көтөрүп иет. Ал кыска жыгач көтөрүлүп, жогору чамгарактай түшкөндө катуу чабат. Таамай тийсе жыгач алыс барып түшөт. Берки жыгач чаппаган бала барып ал жыгачты баякы жыдыманды болжоп өлчөм менен ыргытат. Жыгач келип жыдыманга келип түшөт. Жыдыман менен жыгачтын ортосуна таякты салып көрүшөт. Таяк жетип калса жыгачты алып келген бала жанакыдай үйрүп туруп чабат. Жыгачтын түшкөн жеринен барып мурда чапкан бала жыдыманга болжоп ыргытат. Таякты салып өлчөп көрүшөт. Жыдыман менен чикитке таяк жетпей калса чикитти чапкан бала элеймин деп таягы менен чикитти элейт. Элегени таяктан узунураак чикит жыгачты туура кылып алып, аста-аста өйдө секиртип астынан өйдө уруп турганды айтат. Чикит деген жана чабылып жаткан кыска жыгач болот. Эми элегенде нече жолу чикитке тийсе, санап туруп чикитти учунан сол колу менен ороп алып, оң колу менен таякты алып катуу чабат. Баякы элегенде беш санаса беш жолу, чикиттин түшкөн жеринен нары карай чабат. Ал убакта чикит менен жыдыгандын ортосу кыйла алыс болуп калат. Ошол алыс жерден берки бала чикитти алып туруп: «Акбай, Токбай, Караменде, Кашка тай, колдо, колдо кула тай, куруп кетти Мандабай, Акылакей, Чакылакей, чаар бака, темир така Баранбай бүкүр, бооруңа түкүр, чабалекей чам-чым, – деп оозун кымтыган бойдон жыдыманды көздөй катуу жүгүрөт. Жыдыманга чейин деген үнү басылбай келип жетсе кутулат. Эгер жетпей келатып үнү басылып калса берки баланы көтөрүп алып кайта баштан «чам-чым» деп жүгүрүп келип жыдыманга жетет. Анда дагы үнү басылып калса, кайра барып чикитти алган жерден жанакы сөздүн баарын айтып туруп, чы-ым деп, дагы жүгүрөт. Анда дагы келатып үнү басылып калса дагы берки бала көрүп алып чым деп келет. Үнүн баспай жыдыманга жетсе кутулду. Эгер үнү басылып калса улам-улам кайта бара берет. Чикит абдан алыс жерге чабылып калган болсо ал балайка кылынат. Жакын жерден чым деп келсе, кайта чикитин чабыша берет. Бул чикиттин алыс-жакын барышы жанагы элегенден болот, көп эленсе көп жерге чабылат, аз эленсе жакын эле жерге, чым деп кутулуп калып ойной беришет.
Көлгө түшмөй. Көлгө түшмөй боз балдар, ушулар катарлуу кыз балдардын оюну болот. Эки тарап болуп ойнойт. Балдар эки жаат болуп алып чөп жашырышат, анда чөптү таба албай калган жааты бир аркандын учун туюктап алып, ошол аркандын учуна чогулуп туруп алышат. Анда чабал, кашаң, алы жок балдарды ортого коюп күчтүү, шамдагай, күлүк тың балдар арканды жыйнап алып туш-туш жагын карап турат. Анда туш тарап, туш-туштан камап кирип келип тебетей калпактары менен көлгө түшмөйдүн ичинде турган балдарды туш келген жерине аябай чаап кетишет. Анда баягы арканды жыйнап турган балдардын бир же экөөн бир жакты бет алып, тигил тараптын балдарын чабам деп келе атканда кармап алуу үчүн келе атканда жыйнап алган арканын жазып жиберип катуу күч менен качырып калганда, кармап токтотуп калса тиги жаатты колго түшүрөт. Эгер токтото албай калса, тим тура берет. Ошентип кай бир убакта карылуу балдар арканын жазып жиберип катуу качырганда өзүнүн колго түшмөйдүн ичиндеги балдар кыйрап жыгылат. Анда берки тарап буларды тегеректеп алып, кыйла токмоктоп салышат. Ал жыгылып жатып кармап калса, беркилерди колго түшүрөт. Бирок жыгылган тарапты буттан, колдон сүйрөп будалап жүрүп, жакында карматпайт. Ошентип тигилердин бирин кармап токтотуп алмайынча көлгө түшмөйдүн ичиндеги балдар көп таяк жеп калат. Кармап калганда булар дагы тиги тарапты ошондой сабашат.
Жашынмак. Жашынмак дагы жаш балдардын, кыздардын оюну. Эки бөлүнүп ойнойт. Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат, чөптү таап алса, берки жагы жашырууга камынат. Анда жашынбаган тарап бир жерге топтолуп, эки жакты карабай тура беришет. Тиги жашынуучулар эң бир байкоосуз жерлерди ойлонуп таап алып жашынат. Мисалы, жыйган отундун, чөптүн араларына далдаланып кирип калышат. Же болбосо жардын түбү, терек, тал, карагайдын, бутактардын арасына чыгып барып далдаланып отуруп калышат. Же ундун ичине, чыгдандын ичине, тактанын алдына, жүктүн бурчуна жатып калат. Мындай жерлерден таап алууга болот. Анан эң бир кыраакы балдар аялдын, кыздын кийимин кие коюп, элдин катарынан орун алып отуруп же жумуш кылып казан-аяк жакта кызмат кылган болуп жүрө берет. Аларды өтө кыраакы балдар болуп таап албаса, жакында таап алууга болбойт. Ошентип жашынган балдарды балдар таап алса кайра жашынтат. Эгер таап ала албай калса берки балдар атынан айтып чакырганда бир тай, бир тай деп туруп келет. Анда берки тарабы жашынат. Аларды таап алса, бир тай деген балдар уткан болот. Эгер таап ала албаса алар дагы бир тай, бир тай деп келип, эч кимиси утпаган болот. Жашынмакта байге болбойт. Кылдат жашынып таптырбай койгону гана кыйын, кыраакы, эстүү бала экен делип калат.
Жоолук таштамай. Балдар канча болсо тегерете олтурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы менен кыдырата басып келе жатып, жоолугун бир баланын аркасына эч кимге билгизбей таштап кетет. Анын таштаганын билбей калса дагы айлана басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат. Ал таяк жегени балдарды айлана качып, кайтып келип ордуна ол турат.
Анан биринчи эле жоолукту таштап кетери менен билип калса, жоолук таштап кеткен баланын аркасынан кууп жүрүп сабай берет. Ал таяк жеген бала качып олтуруп сабап жүргөн баланын ордуна келип олтурат. Эгерде сабап жүргөн бала өтө куу, шум бала болсо, ал дагы кууп барган баланы колу же тебетей менен сабай берип, жоолугун бир башка баланын аркасына таштап кетет. Ал бала тигилердин кызыгына батып күлүп жатып билбей калса, кайра барып ал баланы сабайт. Балдардын баарын алаксытып күлдүрүп коюп, улам биринин аркасына таштап кетип жүрүп далайын сабайт.
Кан таламай. Бир топ бала чогулуп алып бир чүкөнү же бир саканы кан деп коёт. Ал канга кошуп көп чүкөнү калчашат. Ал чүкөнү калчаган бала эки бөк, эки чиге, эки таа, эки алчы болсо бирин бирине атып ала берет. Ал бала атып жатып тийгизе албай же башка чүкөлөргө тийгизип койсо жыдып калат. Жана калчаган бала дагы ошондой тартип менен ала берет. Баякы атып жаткан балдар канча чүкө атса дагы өзүмдүк кылып ала беришет. Кан атып алганы байып калгандай болуп турат. Кайсы бир бала жалгыз чүкөнү да атып ала албай тура берет. Эгерде кан алчы түшсө алчы менен атып алат, таа түшсө таа менен, бөк түшсө бөк менен, чиге түшсө чиге менен атып ала берет. Канды кандай учурда атып алса да боло берет. Чүкө атып олтуруп бардыгы бүткөндөн кийин ар бир бала чүкөлөрүн санап көрүп, эң аз чүкө алып калган баланын чүкөсүнө өлчөп салып калчашат. Анда канды атып алган бала канды жолдошу менен чүкөнүн санатынан башка кылып салат. Калчашарда анда такыр чүкө албай калган бала оюнга кирбей гана томсоруп олтура берет. Берки чүкө алган балдар калчашып жатканда, кан таа түшүп калса сак болуп турган балдар жалпы эле чачылып жаткан чүкөнү талап киришет. Анда кай бирлери көбүн талап алып коёт. Баякы чүкөнү көп атып алгандагы, көп талап алып байып калат. Кээ бир балдар ошол кан талашмайда дагы жакшы талап ала албай куру калат. Ошентип баякы көп чүкөнүн баарын кайсы бала алса, ошол бала уткан болуп эсептелип, берки балдардан кош камчы, бөлчөй, төөматек окшогон сайган байгесин балдардан алып көтөрүлүп калат. Кандын алчы, бөк, чиге түшкөнү жай оюн болуп атып ойноло берет. Анда канды атып алган бала канды жолдошу менен чүкөнүн сапатынан башка таа түшүп калганда гана таламакей болуп, балдарды тытыштырып салат. Кандын таа түшкөнү кандын жаңылганы деп билинет.
Ачакей-жумакей. Бул илгертен кыргыздардын балдары үчүн арналган оюн. Бул оюнда эки адам: бала менен бала, ага-ини, ата-бала, апа-кызы болуп ойной берсе болот. Адегенде экөө саламдашып, маңдай-тескей отурган соң, ортодогу оң чүкөнү улуусу өкчөйт. Чүкө алчы турса, өкчөгөн адам сол колунун эки шадысын жумат, таа турса бирин жумат. Чүкө бөк, же чик түшсө, кезекти экинчиси алат. Оюн салаалар бир сыйра жумулуп-ачылмайын алмак-термек ойноло берет. Непада чүкө оңко же тоңко турса утуш ошо өкчөгөн кишиге тете болот. Уттурган эки көзүн колдору менен жабат. Утканы эки колу менен сыртынан чертет да, эки колунун бир жадысын көрсөтөт, калганы жумулган бойдон калат. Көзүн жапкан черткендин кандай колду көрсөткөнүн дароо табыш керек. Таппаса, чертүү уланат.Таап алса, утканы салам берет да, оюн бүтөт.
Тентигул кызы Назира
КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ ДАРЫГЕРЧИЛИГИ
КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ ДАРЫЛООСУНУН
ЭВОЛЮЦИЯСЫ ЖАНА ДИНИЙ-МАГИЯЛЫК ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР
- Кыргыздардын салттуу дарылоосунун тарыхый өнүгүүсү
Байыркы доорлордогу элдик баёо медицина. Элдик медицинанын булактары тээ байыркы мезгилдерге таандык. Элдик медицина адам баласы үчүн өтө маанилүү болуп саналган өлүм жана өмүр менен байланышкан маселелердин негизинде жаралган. Коомдук өнүгүүнүн баштапкы этаптарында эле байыркы адам колунда болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өмүр менен жашоонун башкы душманы болуп саналган оору-сыркоолор жана дарттар менен күрөшө баштаган.
Албетте, алгачкы жамааттын адамы курчап турган дүйнөнү дароо эле рационалдуу жана адекваттуу мүнөздө чагылдыра алган эмес. Ошол себептен, байыркы адамдын дүйнө таанымына мистикалык, магиялык, фантастикалык элементтер да мүнөздүү болгон. Эгер рационалдуу жана адекваттуу дүйнө таанымдын негизинде оору-сыркоолор менен илдеттерди дарылоонун эмпирикалык ыкмалары пайда болсо, адамды ажал оозунан аман алып кала албаган алсыздыктан улам элдик медицинанын диний жана мистикалык формалары жаралган. С. Альтшулердин сөздөрү боюнча: «…илимий билимдердин башаттарын байыркы мезгилдерден эле тапса болот. Күнүмдүк жашоо-тиричилик тажрыйбасы адамдарга оору-сыркоолор жана илдеттер менен күрөшүүнүн туура ыкмаларын сунуштап турган» [13:25]. Оору-сыркоолор жана илдеттер менен күрөшүү чөйрөсүндө көп сандаган муундар тарабынан топтолгон тажрыйба акырындык менен элдик медицина гана эмес, илимий медицина үчүн да өтө баалуу маалыматтарды камтыган дарылоо ыкмалары менен каражаттарынын бүтүндөй бир системасынын түзүлүшүнө алып келген.
Ошону менен катар эле байыркы адамдын оору-сыркоолор жана илдеттер менен күрөшүүсү башка багытта да жүргөн. Табигый жана коомдук кубулуштарды толук кандуу жана туура түшүнө албаган байыркы адам оорусыркоолордун, илдеттердин, алардан сакаюунун жана өлүмдүн себептерин керемет күчтөрдүн жардамы аркасында түшүнүүгө аракет жасай баштаган. Анын натыйжасында оору-сыркоолор жана илдеттер менен күрөшүүнүн ыкмалары да диний-мистикалык мүнөз күткөн.
Ошентип, адамзаттын өнүгүүсүнүн байыркы тарыхый доорунда эле элдик медицина рационалдуу илим жана баёо диний ишенимдер сыяктуу эки карама-каршы башаттардын жыйындысы катары пайда болгон.
Эл өз өнүгүүсүндө эмпирикалык да, диний-мистикалык да ыкмаларды колдонуп, дээрлик бардык оору-сыркоолор менен илдеттерди дарылаган. Натыйжада, элдик медицина оору-сыркоолор менен илдеттердин себептерин да кош маанайда, б.а., карама-каршы эки жактуу түшүндүргөн. Элдик медицинадагы мындай эки багыт кандайдыр бир деңгээлдеги өз алдынча өнүгүүгө ээ болгон. Эгер эмпирикалык багытынын тарыхы илимий билимдердин өнүгүү тарыхына канатташ болсо, анын диний-мистикалык багытынын тарыхы адамзаттын диний дүйнө таанымынын өнүгүү тарыхынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Ошол себептен М. Д. Торэн мындай деп жазат: «Эгер эмпирикалык элдик медицина байыркы медицина илими менен философиянын калдыгы болсо, магиялык медицина адамдын байыркы диний ишенимдеринин саркындысы болуп саналат» [216:123–125]. Т. Мейер-Штейнег менен К. Зидгофтун пикири боюнча байыркы медицина: «Эмпирикалык рационализм менен диний мистицизм сыяктуу эки чоң жетишкендиктин туундусу болуп саналат» [143: 458]. Ошол себептен, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосундагы жогоруда сөз болгон эки багытынын пайда болушу менен өнүгүүсү өз алдынча каралууга тийиш.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диниймистикалык өңүтүнө киришип жатып, биздин элдин диний түшүнүктөрү дүйнөлүк диндердин келип чыгуусу жана өнүгүүсү менен тыгыз байланышта экендигин баса көрсөткүбүз келет. Ошол себептен, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу менен диний-мистикалык маселелери жалпы адамзаттын диний дүйнө таанымынын генезиси жана эволюциясы менен ажырагыс биримдикте каралууга тийиш деген пикирдебиз.
Элдик медицинанын эмпирикалык багытына токтолуу аркылуу анын оору-сыркоолор жана илдеттер менен күрөшүүсүнүн алгачкы ыкмалары менен каражаттары, албетте, абдан жөнөкөй, баёо мүнөздө болуп, басымдуу түрдө жаныбарлардын инстинктивдүү иш-аракеттерин элестеткендигин эстен чыгарбоо абзел. Адамдын жаныбарлар дүйнөсүнөн чыккандыгын эске алсак, оору-сыркоолор менен күрөшүүдө зарыл болгон каражаттар менен ыкмалардын болбогондугу адамды жаныбарлар сымал инстинктивдүү кыймыл-аракеттер менен ажалга каршы күрөшүүсүн мыйзамченемдүү жана табигый кубулуш катары баалоого болот. Алгачкы доордун өзгөчөлүктөрү тууралуу Ф. Энгельс мындай деп жазган: «Жаныбарлар дүйнөсүнөн суурулуп чыгуу менен алгачкы адамдар тарыхка жарым-жартылай жаныбар катары кирген: жапайы, табигый күчтөрдүн алдында алсыз, өз күчтөрүн толук билбеген байыркы адамдар жаныбарлардан кескин айырмалана алышкан эмес» [240:192]. Демек, оору-сыркоолор жана илдеттер менен күрөшүүнүн алгачкы доорго мүнөздүү болгон эмпирикалык ыкмалары менен каражаттары алгачкы жамааттык коом жана анда жашаган адам сыяктуу жөнөкөй жана баёо мүнөздө болгон.
Бирок эмгек процессинин жүрүшүндө адам оорулуулар менен илдеттүүлөрдү дарылоонун эмпирикалык ыкмаларын тынымсыз жакшыртып, оору-сыркоолор менен илдеттерди дарылоонун улам жаңы каражаттарын ойлоп таап, колдоно баштаган. Эмгек процессинде адам баласы курчап турган дүйнөнүн нерселери менен кубулуштарынын ден соолук үчүн шыпаалуу жана зыяндуу касиеттерин ачып, түшүнүп, күнүмдүк практикага колдонууга өткөн. Айрым чөптөрдүн, алардын тамырларынын, күн нурларынын, минералдык булактардын, кандайдыр бир күнүмдүк режимдин, мүнөздөп тамактануунун жана башка дарылык касиеттери ушундай жол менен, же көпчүлүк учурда кокустуктан адамзатка белгилүү болгон. Кандайдыр бир оору-сыркоолор менен илдеттерди дарылоодо колдонулган айрым ыкмалар менен каражаттардын шыпаалык касиеттерин качандыр бир кезде күтүүсүз түрдө ачуу аркылуу адамдар зарыл учурларда мурунку тажрыйбанын сынагынан ийгиликтүү өткөн дарылоо ыкмасына системалуу түрдө кайрыла баштаган. Мындай оң тажрыйба муундан муунга баалуу мурас катары берилип келген. Айрым нерселер менен кубулуштардын тийгизген терс таасирине байкоо жүргүзүү аркылуу адам баласы келечекте ыктымалдуу боло турган оору-сыркоолор менен илдеттерди алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралардын бүтүндөй бир комплексин иштеп чыккан. Алгачкы жамааттын адамынын жапайы жана үй жаныбарларына жүргүзгөн байкоолору да тигил же бул нерселер менен кубулуштардын шыпаалуу жана зыяндуу касиеттери тууралуу кошумча булакка айланган. «Черемицанын ич өткөрүүчү касиети, – деп жазат С. Альтшулер, – эчкилерге жүргүзүлгөн байкоолордон улам ачылган» [13:40.]. Мындан сырткары, рационалдуу мүнөздөгү эксперимент алгачкы жамааттын адамдарына да таандык болсо керек. Дарылоонун бул мезгилге чейин жапайы адам үчүн таптакыр тааныш эмес ыкмалары менен каражаттарын байкап көрүү, сынап көрүү тажрыйбалары күнүмдүк турмушта орун алган. Ошол себептен Э. Тэйлор мындай деп жазган: «Жапайы адамга таандык табигый билимдер ушунчалык көп болгондуктан, алар кокусунан жүргүзүлгөн байкоолордун жолу менен эле чогулбаса керек» [219:570]. Жапайы адамдар бир катар кылымдар бою өздөрүнө тааныш эмес нерселердин касиеттерин өздөрүнө тааныш касиеттери менен салыштыруу максатында сынап, байкап, изилдеп келишкен.
Көп сандаган муундардын башынан өткөн мындай тажрыйбалардын натыйжасында адамзаттын өтө эрте тарыхында эле дарылоонун ар кыл каражаттары менен ыкмаларына бай элдик медицина калыптанган. Азыркы илимий медицинанын тамырлары жогоруда сөз болгон байыркы доорлорго барып такалат жана элдик медицина менен тыгыз байланышта калыптанып өнүккөн. Илимий медицина элдик медицинанын эмпирикалык бөлүгүнөн суурулуп чыккан. Оорулуулар менен илдеттүүлөрдү дарылоодо учурдагы дарыгерлер тарабынан колдонулган нерселердин көпчүлүгү буга чейин элдик медицинада пайдаланылып келген. «Азыркы дарыгерлер, – деп жазат С.Альтшулер, – ооруларга ромашка, кара көсөө (спорынья), валерьяна, жалбыз (мята), анис жана башка жүздөгөн жана миңдеген жылдар бою белгилүү болуп келген дары-дармектерди сунуш кылышат» [13: 40].
Дүйнө элдеринин элдик салттуу дарылоосун тарыхыйэтнографиялык маанайда окуп-үйрөнүүдө анын адамзаттын байыркы тарыхына барып такалган булактарын эске тутуу маанилүү болуп саналат. Учурдагы этология илимине жарааттуу жаныбарлар кан сызылган аялуу жерин тили менен жалап-жуктап, күйүп калган жерлерин колунан келишинче үйлөп, муздатуу сымал жогорку түзүлүштөгү омурткалуу жаныбарларга мүнөздүү «өз алдынча дарылануунун» бир кыйла мисалдарын жакшы билет. Айтылгандардан улам рефлектордуу жөндөмдөр менен дарылануу ыкмалары адамзатты антропосоциогенездин эң байыркы баскычтарында эле коштоп жүргөн билимдердин арсеналына кирген. Сапиенизация процессинин андан аркы эволюциясы менен дарылануу шыктары татаалданып, жогорку таш доорунда алар кыйла эле бийик деңгээлдерге жетип калган. Эмнеси болсо да, алгачкы жамааттын археологиясы тарабынан дарылоо максаты менен адамдын көзү тирүүсүндө эле баш сөөктүн трепанациясы боюнча жасалган операцияларга чейинки деңгээлдеги организмге медициналык кийлигишүүлөр болгонун далилдеген маалыматтар табылган.
Жаңы мезгилдин элдик салттуу дарылоосу оору-сыркоолор менен илдеттерди дарылоонун бир катар маанилүү жана оң тажрыйбасына ээ болсо да, бир катар архаикалык элементтерди сактап калган. Илимий медицина тарабынан ырасталган бир катар ыкмалар менен каражаттардан сырткары, элдик медицина адамзат коомунун өтө байыркы тарыхына мүнөздүү жана жаныбарлардын инстинктивдүү иш-аракеттерин кайталаган бир топ элементтерге ээ. Дарылоонун баёо жана байыркы ыкмаларына кирген жарааттарды жалоо, шишиктер менен чыйкандарды соруу жана башка иш-аракеттер дүйнөнүн ар кыл элдеринин маданиятын сүрөттөгөн саякатчылар менен этнографтардын эмгектеринде кездешет. Мисалы, белгилүү орус окумуштуусу жана саякатчысы Н.Н. Миклуко-Маклай адмиралтейство Тынч океанын айрым аралдардын жашоочуларынын дарылоо ыкмалары тууралуу минтип жазат: «Мен жаралуу бутун ит жалап, жаратын айыктырып жаткан бир адамды көрдүм. Кичинекей баланын кулагынын артында пайда болгон жарачанын кабыгын ушул эле аралда жашаган бир аял шилекейдин жардамы менен акырын сыйрып, жаратты кургата жалап, андан соң аны үйлөй баштады» [140: 300].
Албетте, жаныбарлардан айырмаланып, адам баласы жогоруда сүрөттөлгөн инстинктивдүү иш-аракеттерди акыл-эстүү жана аң-сезимдүү маанайда жасайт. Бирок жаныбарлар менен адамдардын мындай иш-аракеттеринин ортосундагы жалпылык менен окшоштук ушунчалык көп болгондуктан, дарылоонун сөз болуп жаткан эмпирикалык ыкмалары менен каражаттары адам баласы жаныбарлар дүйнөсүнөн жаңы суурулуп, коом катары калыптана баштаган өтө байыркы доордо калыптанса керек деп ойлойбуз.
Атактуу окумуштуу этнограф Д.К. Зеленин дарылоонун өтө байыркы ыкмалары тууралуу мындай деп жазат: «Оору-сыркоолор менен дарттарды дарылоонун өтө эле байыркы ыкмасы катары адамдын жараттуу жерди соруусун атоого болот. Адам сынган, же дегеле өзүнүн денесинин ооруксунуп турган жерин оозуна салып соруу ыкмасы инстинктивдүү иш-аракет сымал көрүнөт. Ушул себептен бул ыкманы жаныбарлардын оорулуу, же жараттуу жерин жалап-жуктоо менен салыштырууга болот. Соруу дарылоонун архаикалык ыкмасы катары этнографтар тарабынан ар кыл өлкөлөрдөгү эмчи-домчулардын кыймыларакеттеринин элементи катары сүрөттөлгөн» [73:128].
Дарылоонун архаикалык ыкмалары тууралуу сөз кылуу менен Н.М. Никольский да соруу менен түкүрүүнү эң байыркы ыкмаларга киргизет. Байыркы адам алган жараттарын жаныбарлар сыяктуу жалап-жуктоо жана соруу ыкмасы менен дарылоого далалат жасаган [156: 61].
1.1.Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосуна чыгыш жана батыш элдеринин тийгизген таасири
Алгачкы жамааттын маданияты тууралуу кеп кылуу менен алгачкы жамааттык коомдун тарыхын изилдеген ири советтик илимпоздордун бири В.И. Равдоникас мындай деп жазат: «Алгачкы жамааттагы адамдардын чыгармачыл умтулууларына ар кылдуулук менен көп түрдүүлүк мүнөздүү болсо да, аларды жакындан изилдеп келгенде, өнүгүүнүн ошол тепкичине таандык жана ар кандай урууларда ар түрдүү конкреттүү формалар түрүндө көрүнгөн кандайдыр бир жалпылык байкалат» [190: 286]. Кыргыз эли өз алдынча өнүгүү жолунда сыркоолууларды дарылоо чөйрөсүндө өзү топтогон тажрыйбалар менен байкоолордун негизинде дүйнөнүн башка элдери жасаган бүтүмдөр сыяктуу ой корутундуларына келишкен. Ошол себептен, байыркы кыргыз элдик салттуу дарылоосу дүйнөнүн башка тарабында, океандардын ары жагында жашагандыктан, биздин эл менен эч кандай алакасы жок элдердин медицинасына да таандык жалпы белгилерге ээ. Көп сандаган элдер үчүн жалпы болуп саналган этнографиялык кубулуштар тууралуу Э. Тэйлор мындай деп жазат: «Адамзаттын басымдуу көпчүлүк бөлүгүнө таандык болгон көз караштар менен көнүмүш адаттар акыл-эс менен практикалык акылмандыктын туундусу болуп саналышат» [219: 374]. Дүйнөнүн ар кыл элдерине таандык жалпылыкка мисал, кофеин бири-биринен көз карандысыз, байланышсыз жашаган Азия жана Америка элдери тарабынан ачылган. С. Альтшулердин сөздөрү боюнча «бири-биринен океандар менен ажыраган Кытай жана Мексика, Бразилия жана Индия сыяктуу өлкөлөр заманбап байланыш каражаттары жок замандарда эле айрым өсүмдүктөр нерв системасына дүүлүктүрүүчү таасир эткен заттарга ээ экендигин байкашкан. Азыр бул заттарды биз кофеин деп атайбыз» [13: 47].
Мындай багытта кыргыздардын элдик салттуу дарылоосуна да, дүйнөнүн башка элдеринин байыркы медицинасына да таандык болгон жалпылык катары пияздын, сарымсактын, бака жалбырактын, эрмендин, шыбактын, же шыраалжындын, шыпаалуу буулардын, минералдык булактардын касиеттерин билүүнү жана аларды эмдөө ишинде пайдаланууну, мертинүүлөр менен сыныктарды дарылоо, жин-шайтандарды кубалоо ыкмалары, ар кандай «ыйык жерлер» менен «мазарларга», «шыпаалуу суулар» менен «ыйык тал-теректерге» медициналык жардам алуу максатында кайрылуу, оору-сыркоолор менен дарттардын себеби катары адамдын организмине киши түспөлдөнгөн, же айбанат сымал рух-жиндердин кирип кетүүсүн атоо, көз тийүүдөн коргоо, дем салуу жана башка ушу сыяктуу мисалдарды аттоого болот.
«Манас» эпосунун саптарынан арбыныраак кездешкен дарылардын тобун кыргыздарга гана таандык делинген апы-үпү, барпы, кайнатма кара дары, медет, себеп сыяктуу эпикалык дарылар түзөт. Алар кайсы чөптөн, же кайсы заттан жасалганы белгисиз. Мисалы, апы, же үпү. Ал жалаң гана «Манаста» эле эмес, башка кенже баатырдык эпостордун саптарынан да кездешет. Демек, бул дарылар байыркы замандарда эл арасында кеңири колдонулса керек.
Айтылгандардын негизинде ар кыл элдердин маданиятындагы жалпы элементтерге шилтеме кылуу менен алардын медицинасындагы космополиттик жалпылыктарды да, кыргыз эли сыяктуу чакан элдердин маданиятынын өз алдынчалуулугун да четке кагуу туура эмес.
Дүйнө элдерине таандык жалпылыктар менен катар эле кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда жалгыз гана түрк элдерине мүнөздүү болгон дарылоо ыкмалары менен каражаттары кездешет. Кыргыздардын салттуу дарылоосундагы жалпы түрк элдерине таандык байыркы элементтер булар: албарсты тууралуу түшүнүктөр жана аны менен күрөшүү каражаттары, сөөлдү (бородавки), безгекти (малярия), күйдүргүнү (сибирская язва), кызыл жүгүрүктү (ревматизм) жана башка ушул сыяктуу дарттарды дарылоо, балдардын жүрөгүн көтөрүү, баш ооруну дарылоо, арчанын дарылык касиетин баалоо.
Жүз жылдан ашуун мезгилден бери Байыркы Чыгыш боюнча талаш-тартыштар уланып, алардын жүрүшүндө бири-бирине карама-каршы эки көз караш пайда болгон. Биринчиси, Чыгыш, анын ичинде кыргыздар чыныгы философияны түзүүгө жөндөмсүз болгон, ошондуктан аларга карата диний-мифологиялык дүйнө тааным тууралуу сөз кылууга гана болот. Экинчиси, Чыгыш элдери бүгүнкү күнгө чейин Батыш көтөрүлө албаган бийик деңгээлдеги философияны түзүшкөн. Бир эле кубулушка карата карама-каршы көз караштардын жарыш жашап келишин философиялык ой жүгүртүүгө карата чыгыш философиясын «туурамчылык эталону» катары карап келген батыш европоцентристтик көз караштын позициясында түшүндүрүүгө болот. Ошондуктан, Чыгыш философиясы европалык изилдөөчүлөр үчүн «диний-философиялык көз караш» же «бийик философия» катары каралып калган [224:107–113].
Чыгыш жана Батыш маданияттарын бири-бирине каршы коюу салты эки миңден ашуун жылдарга созулган тарыхка ээ да, ал Чыгыш-Батыш карама-каршылыгынын «маданий-тарыхый аң-сезимдин жобосунун» пайда болушуна алып келген.
З.Л. Амитин-Шапиро дагы Орто Азия элдеринин элдик салттуу дарылоосунун маанилүү булактарынын бири катары байыркы грек медицинасын атоо менен аталган чөлкөмдүн элдик салттуу дарылоосундагы жалпылыктар тууралуу сөз кылып келип, «алар байыркы мезгилдеги жалпы булактарды колдонуу менен дарылоо багытындагы маалыматтарды Орто Азияда жашаган бардык элдерге жайылтышса керек», – деп жазат [14: 1–16].
Байыркы грек философиясы менен медицинасы Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга келиши арабдардын ишмердиги менен байланыштуу. Бул маселе боюнча Т.Мейер-Штейнег менен К. Зидгоф мындай деп жазышат: «Грек медицинасынын тийгизген таасирине салыштырмалуу араб эмчилери индиялык жана персиялык окуулардан, жалпы жонунан, шыпаалуу заттар тууралуу өөнөп алган билимдери эч нерсеге татыбагандай таасир калтырат, себеби байыркы гректердин окуулары арабдар үчүн караңгыда жол көрсөткөн чырак сымал маанилүү ролду аткарган» [143: 231–233]. Байыркы грек медицинасын арабдар тарабынан окуп-үйрөнүү тууралуу жогорудагы авторлор башка жерде мындай деп жазышат: «Арабдар бул медицинаны ушунчалык терең жана кылдат үйрөнгөндүктөн, кол жазмаларда аларга берилген ашкере баа менен сыпаттоолорго кандайдыр бир нерсени теңдештирүү мүмкүн эмес» [141: 231–233]. Орто Азия элдеринин арасында байыркы гректердин философиясы менен медицинасына мүнөздүү принциптер илгери эле кеңири тарагандыгы «Манас» эпосу, кенже эпостор, кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгы, ошондой эле атактуу жердешибиз Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» деп аталган белгилүү эмгегинде да баса көрсөтүлгөн.
Орто Азия элдеринин арасына медициналык таанымды дарттууларды айыктыруу жана балдарды окутуу менен алектенип, жер кезип жүргөн дербиштер тараткан. Ушундай акылман дербиштерден атактуу Абу Али Ибн Сина (Авиценна) да билим алган. Профессор Л.А. Оганесян жазгандай: «Араб дүйнөсүнүн медициналык борбору болуп бири-биринен абдан алыс жайгашкан Марокко, Бухара, Самарканд жана башка ар кыл жерлер эсептелишкен» [164: 280]. Араб медицинасы менен философиясынын көрүнүктүү өкүлү, атактуу «Канун Фитт-тибб» («Медицина өнөрүнүн мыйзамы») жана «Китаб Аш-шифа» («Шыпаа китеби») эмгектеринин автору Абу Али Ибн Синанын медициналык эмгектери тууралуу Т. Мейер-Штейнег менен К. Зидгоф мындай деп жазышат: «…XVII кылымда эле Батышта «Медицина өнөрүнүн эрежеси» кеңири белгилүү болгон. Ал эми Чыгышта болсо, бул китеп бүгүнкү күнгө чейин өз беделин жогото элек» [143: 458]. Ошентип, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун эмпирикалык бөлүгү аларга арабдар аркылуу келген байыркы гректердин медицинасынын айрым элементтерин өзүнө жуурулуштуруп алган.
В.И. Кушелевский кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда колдонулган өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган жана минералдык текке ээ 70тен ашуун аталыштагы дары-дармек каражаттарын сүрөттөйт [111: 402]. Алардын көпчүлүгү Орусиядан, Индиядан, Кытайдан,
Түркиядан, Персиядан жана башка мамлекеттерден ташылып келинген. Айтсак, кыргыздар сымапты (ртуть), көпөрөстү (сулема), көк ташты (медный купорос), аспиринди, нашатырды, албасты (серебро азотнокислое), күчаланы (мышьяк), ачуу акты (хинин) жана башка орус жана өзбек соодагерлеринен сатып алса, жень-шень, маралдын мүйүзү, мускус (атыр жыттуу зат) Кытайдан, ал эми апийимди Түркиядан алган [111: 402]. В. И. Кушелевский белгилегендей, колдонулган дары-дармектердин басымдуу көпчүлүгү шыпаалуу чөптөрдүн тамырлары, сабактары, жалбырактары, гүлдөрү, уруктары, кургатылган мөмөлөрү түрүндө болуп, жалпы жонунан өсүмдүктөрдөн алынган. Минералдык каражаттардан дарылык касиети бар деп ачуу таш (квасцы), селитра, нашатырь, көк таш (медный купорос), киноварь, мышьяк жана башка эсеп- телген [111: 4021].
Демек, элдик медицина адамзаттын өнүгүүсүнүн байыркы тарыхый доорунда эле диний ишенимдер жана рационалдуу илимдин учкуну сыяктуу эки карама-каршы башаттардын жыйындысы катары пайда болгон.
Элдик медицинаны эмпирикалык же салттуу медицина деп да аташат. Элдик тажрыйба илимий медицинанын жаралуусу үчүн негиз болуп калган жана илимий медицина узак мезгилдер бою дарылоонун салттуу түшүнүмдөрү жана ыкмалары менен тыгыз байланышта болуп келген.
Жаныбарлар дүйнөсү жана күнүмдүк тажрыйбадан улам топтолгон эмпирикалык маалыматтардын акырындык менен нукура илимий билимдер менен бир нукка түшүп өнүгүүсү жана жалпылануусу расмий жана адискөй медицинанын элдик медицинадан биротоло бөлүнүп, илимий билим менен тажрыйбанын өз алдынча чөйрөсү катарында калыптануусуна шарт түзгөн. Бул болсо адамзаттын социалдык-маданий тарыхындагы маанилүү белести туюнтуу менен прогрессивдүү демографиялык өнүгүүнүн факторлорунун бирине айланган.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда колдонулуп келген дарылоо ыкмалары менен каражаттарынын көпчүлүк бөлүгү дүйнөнүн башка элдеринин медицинасында да орун алгандыгын баса көрсөтүү абзел. Бирок дарылоо ыкмаларындагы мындай жалпылык кыргыз элинин дүйнөнүн башка элдери менен болгон маданий байланышы аркылуу түшүндүрүлбөйт. Бул жалпылык, «өз өнүгүүсүндө адамзат бардык жерде бирдей эле жолду басып өткөндүгү» [143:352] менен шартталган деп айтууга болот.
1.2. Кыргыздардын салттуу дарылоосунун диний-мистикалык багытынын өзгөчөлүктөрү
Орусиянын курамына киргенге чейин азыркы Кыргыз- стандын аймагында так илимдерге негизделген, карандай рационализмге каныга сугарылган элдик медицина болгон эмес. Калкка медициналык жана дары-дармектик жардам көрсөтүү ар кыл шыпаалуу өсүмдүктөрдү, ошондой эле жаныбарлардан алынган жана минералдык текке ээ каражаттарды эмпирикалык мүнөздө колдонуу ыкмасына гана таянуу менен чектелген. Буларга элдик медицинанын эмпирикалык маанайдагы каражаттарына таянган дарыгерлер, табыптар, илегерлер (орустун лекарь деген сөзүнөн) кирет. А. И. Дмитриев-Мамонов белгилегендей: «Калктын кылымдарга караңгылыгына, анын ички жашоо-тиричилигине, турмуштук жана диний өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу аймактагы элдик медицина менен дарыгердик жардам көрсөтүү өз өнүгүүсүнүн эң эле жөнөкөй тепкичинде турган» [136: 150].
Т. Мейер-Штейнег менен К. Зидгофтун пикири боюнча элдик медицинаны эмпирикалык рационализм менен диний мистицизм сыяктуу эки чоң жетишкендиктин туундусу катары кароо толук мүмкүн [143:123]. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу да жогоруда сөз болгон эки багытта өнүккөн. Ал эми В. И. Кушелевскийдин пикири боюнча кыргыздардын элдик салттуу дарылоосун мистикалык, эмпирикалык жана аралаш деп аталган 3 чоң топко бөлүүгө болот [111: 232].
Өз өнүгүүсүнүн гүлдөп турган маалында элдик медицина эмпирикалык да, диний-мистикалык да ыкмаларды колдонуп, дээрлик бардык оору-сыркоолор менен дарттарды дарылаган [9:212]. Натыйжада, элдик медицина оору-сыркоолор менен дарттардын себептерин да кош маанайда, б.а., карама-каршы эки жактуу түшүндүргөн.
КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ ДАРЫЛООСУНУН ӨКҮЛДӨРҮ |
МАГИЯЛЫК |
(МИСТИКАЛЫК) |
ДИНИЙ |
ЭМПИРИКАЛЫК |
ИЛИМИЙ |
Бүбү-бакшы |
(шаман) |
Куучу |
Көзү ачык |
(ясновидящий) |
Жоруучу |
предсказатель |
(по лопатке) |
Кумалакчы |
предсказатель |
(по бобам) |
Болжоочу |
(предсказатель) |
Сөз менен эмдөө |
чү (психолог) |
Жылдызчы |
(астролог) |
Жайчы |
Эшен |
Молдо |
Муфтий |
Олуя |
(святой) |
Дарыгер |
врач |
Чекмечи |
оспопри |
(виватель) |
Чөпчү |
(травник) |
Табып |
лекарь) |
Тамырчы |
(пульсодиагност) |
Киндик эне, |
аначы |
(повитуха) |
Сыныкчылык,
|
дарылоо (хирургия, костоправ) |
Укалоочу |
(массажист) |
Бакшы (санскритчеден бхихши – будда дининин молдосу) – 1) түрк элдеринде ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдой турган дарымчы. Аял-бакшы бүбү деп аталган; 2) орто азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) дутар менен өз ырларын жана элдик чыгармаларды аткарган ырчы. Алар музыка өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Ушул эле маани менен катар бул элдерде бакшы сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ.
Бакшы бир жерде туруктуу жашабастан жер кезип, дубаналык кылган. Башына ак куунун жүнүнөн жасалган күлө, же гүлө деп аталган баш кийим, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден ыраатсыз бычылып, этек-жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Алкагына темир шакекчелер илинген добулбасын ала жүрүп, добулбас кагып, «жин-шайтандарды кууган» [АТМ, 2004:1].
Бакшыны ар кандай ооруларды дарылоодо, төрөттү жеңилдетет (кыйналып, эстен танган аялга, боз үйдү айлана чуркап, добулбасын каккылап, кыйкырып, үн салган) деген ишенимде чакырышкан. Мисалы, «Манас» эпосунда да бакшы менен бүбү жогоруда сунуш кылынган аныктамалардын биринчи маанисинде колдонулат:
Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды.
[Каралаев С. Манас. 1-том. 22]
Илимий адабиятта кездешкен этнографиялык өтө бай материалдар күбөлөп тургандай, добулбастан сырткары, бүбү-бакшынын дарылоо, ырымдоо «куралдары» бир топ болгон. Алардын негизгилери катары төмөнкүлөрдү атоого болот: Бакшы менен бүбүнүн дарылоо атрибуттарына аса таяк (Мусанын арча таягы) добулбас, көз мончок, жети мөмөлүү дарактын чырпыгы, куркулдайдын уясы, карышкырдын териси, карышкырдын таманы, өтү, бугунун мүйүзү, чүкө, койдун далысы, аттын куураган башы, бүркүттүн буту, аюунун талпагы, таманы, өтү, камчы, бычак, теспе, тумарлар, 41 төлгө таш, 41 төлгө жүгөрү, жез көпөрөсү, арча жана башка шыпаалуу чөп-чарлар менен өсүмдүктөр кирген [232: 341]. Оорулуу адамды дарылардын алдында бүбү-бакшы «чилтенге олтурган». «Чилтенге олтурууну» аркасында медитациянын бир түрү болгон «транска» түшүү деп түшүнсөк болот. Зикир чалуу учурунда кыргыз бүбү-бакшылары добулбас, камчы, бычак, тили жок коңгуроо, айрым мезгилде, жогоруда кездешпеген комуз, кыл кыяк, ооз комуз колдонушкан [АТМ, 2004, 1.]
XIX кылымдын аягында Европалык илимий адабиятта нерв оорусуна чалдыккан, эпилепсиядан жабыркаган, өзүнө өзү жооп бере албаган жин оорулуу адамдар гана бүбү-бакшы болушат деген ынаным орун алган [23: 21–22]. Алгачкылардан болуп мындай пикир атактуу англиялык окумуштуу Э. Тэйлор тарабынан сунуш кылынган. Чындыгында эле бүбү-бакшылар, эреже катары, алгач көздөрүнө бир нерселер көрүнүп, кулагына «үндөр» угулуп, өздөрү менен өздөрү сүйлөшүп, кандайдыр бир керемет күчтөр аларды дарылоо иши менен алектенүүсүнө мажбурлап жаткандыгын айтышат. Мындай көрүнүштү элде «көзү ачылып жатат» деп коюшат. Кийин анын көзү толугу менен «ачылып», дарылоого «санкция» алгандан кийин бүбү-бакшы оорулууну көргөндө жиндерин, колдоочуларын чакырып чарк урган, жер-суудагы мазарлардын, олуя-машаяктардын аттарын кыйкырып атаган. Отту чоң жактырып, үстүнөн секирген. Отко орок, бычак салып, кыпкызыл болуп чыкканда тили менен жалаган, үй-кепелерди тегерене жүгүрүп, малдын үстүнөн чыгып, астынан өткөн. Оорулуу кишини ары-бери аттап, аны ургулаган. Эмдөөнүн ыгына карай оорулуунун денесиндеги жамандык жинди кайсы бир жаныбарга же буюмга, малга, канаттууларга, куурчакка «көчүргөн» [АТМ, Ноокат району. 2006: 2].
Бакшылар кара жана ак жиндүү бакшы болуп бөлүнгөн. Бара-бара алардын ролу төмөндөгөнү менен эмчи-домчулук касиети калк арасында бир топко чейин сакталган.
Эмпирикалык дарылоонун эң байыркы формасынын бири болуп саналган элдик хирургиянын айрым элементтери сыныкчы-табып гана эмес, бакшы жана бүбү деген аталышка конгон кыргыз шамандарынын эмчи-домчулук ишмердүүлүгүндө да сакталып калган. Жогоруда сөз болгондой, бүбү-бакшылар рухтар дүйнөсү менен «байланышта» болуп, ошол руханий дүйнөгө реалдуу дүйнө менен анын жашоочуларына таандык касиеттер менен белгилерди ыйгарат. Ошол себептен алар рухтар менен пикир алышууда кадыресе адамдарга карата колдонулган каражаттар менен ыкмаларга эле кайрылууну ылайык көрүшөт. Ошол себептен эмпирикалык элдик медицинада кеңири колдонулган «илдетти» соруп чыгаруу ыкмасы бүбү-бакшынын да иш-аракеттеринде кездешет. Мисалы, кыргыз бакшылары дененин оорулуу бөлүгүн соруу аркылуу ошол денеге кирип алып, илдеттүүнү ичинен соруп, аны жабыркаткан терс рухтарды чыгарууга аракет кылышкан. Илдетти ушундай жол менен соруп чыгаруу бурят шамандары тарабынан да колдонулган. Бурят шаманы, – деп жазган М.Н. Хангалов, – шишиктер менен туюк жараны гана эмес, жөтөлдү да, ички ооруларды да соруу жолу менен дарылаган. Жөтөлгөн адамдын көкүрөгүн бурят шаманы илдет толук кетмейинче соро берген. Сорулган нерсенин баарын ал түкүрүп салган, же эшикке ыргытып жиберген. Шаман шишиктер менен туюк жаралардан канды жана ириңди соруп алган [233:341].
Куучулук адамдарды диний-мистикалык маанайдагы иррационалдуу дарылоо менен байланышкан бакшылыктын бир түрү болгон. Куучу: «Силердин үйүңөргө шайтаншапааттар толуп алыптыр, бириңерден бириңерге өтүп, улам бирөөңөрдү оорутуп жатыптыр», – деп шалдыракшулдурагын тарсылдатып, таягы менен бир нерселерди ургулап тап берип, айкырып-кыйкырып, бычактардын мизин жаркылдата кайрап, ошол үйдөгү шайтан-шапааттарды кууган [97: 52–53]. Мындай иррационалдуу ыкма кыргыздарга гана тиешелүү эмес. Мисалы, өткөн мезгилдерде белорус элинде да «трясцы» деп аталган куучулукка өтө окшош ыкма кеңири пайдаланылган [36: 4–5].
Информаторлордун берген маалыматы боюнча куучу суу, шамал аркылуу оорулуу адамдарга, кээде айрым үй-бүлөлөргө, ал тургай этностук топторго «кирип алган», аларды толугу менен «ээлеп алган» жин-шайтанды, албарстыны, же кара энергияны организмден «кууп чыккан», аты аталган терс күчтөр менен кармашкан. Алардын ишениминде жин-шайтандар менен албарстылар адамдарга алардын атасы, же кызы сыяктуу ар кандай образдар түрүндө кубулуп келип, аларга «кирип» алган да, үстүнөн басып алып, аларды ооруларга дуушарланткан, же айыккыс дарттарга кириптер кылышкан. Катардагы табыптар менен дарыгерлерден айырмаланып, куучу өзүнө таандык керемет күчкө таянып, ошол жин-шайтандарды «көрүп» турат [АТМ, Нарын району, 2006: 3].
Албарстыны билген киши гана «кармап» алып, жер бетине тегерек чийип, ошол чийинден чыгарбай туруп албарстыны «сабай» берген. Мына ошол маалда гана албарсты жеңилип, тилинин астындагы «мөөрдү» адамга берген. Мына ошол «мөөрү» бар адам гана куучу боло алган. Ал «мөөрдү» алган адам албарстынын «мөөрүн» өзүнүн тилинин алдына «салып», же батекке «тигип», бутунун алдына сакташ керек болгон. Мына ошол себептен, албарсты «мөөрдү» бекем сактап жүргөн куучуга баш ийген, куучу барган жерге жолой албай, ал жерден алыс качып кетет деген ишенимдер болгон. Эгер уктап калып, «мөөрдү» албарстыга кайрадан алдырып койсо, анда «мөөр» менен кошо албарсты куучунун жанын да кошо сууруй кеткендиктен, ал адам кайтыш болуп кеткен, же майып болуп калган [АТМ, Нарын району, 2006:3].
Төлгөчү, күзгү, аначы, далычы деп аталган кыргыз олуяларынын таш, күзгү, койдун далысы сыяктуу жансыз нерселердин жардамы аркасында тарткан төлгөлөрү жаратылыш кубулуштарынын айрым керемет касиеттерине ынанган фетишизмге байланыштуу көз караштар менен тыгыз байланышкан. Өткөн замандарда кыргыз элинин арасында койдун далысы менен төлгө тартып, далычы атка конгон олуялар өзгөчө белгилүү болгон.
«Манас» эпосунда төлгөчү төлөк, далычы агыдай тууралуу маалыматтар бар.
Төлгө билген төлгөчү Кыжылдап кырк миң кол менен Кыраан эрге жөнөдү [127:31].
Агыдай далы көрүүчү, Ар кандай келээр жумушун,
Ашкере айтып берүүчү [127:175].
Төлгөчүлөр элдин турмуш-тиричилигинде, согуштук саясий окуяларда белгилүү орунду ээлешип жана хандардын, бектердин кеңешчилеринин милдетин аткара алышкан. Төлгөчүлөр көбүнчө кырк бир таш, койдун далысын, чүкөсүн жана башка буюмдар менен жылдыздардын асмандагы жайгашуусуна карай төлгө ачышкан. Адатта, төлгөчүлөр жортуул алдында төлгө тартышкан, адам, мал жоголгондо жана башка турмуштук кырдаалда төлгө салышкан. Төлгө, төлгөчүлүк аң-сезимдин төмөн баскычында пайда болуп, бакшылык жана башка идеологиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланышта келип чыккан. Ал эми төлгөчүнүн кыймыл-аракеттери аңчылыкка, мергенчиликке, жортуулга чыгуу алдындагы ырым-жырымдар жана ритуалдар менен байланышта болгон.
Төлгөчүлөрдүн бал ачуу жана далы ачуу деп аталган ыкмалары «Манас» эпосунда да кеңири сүрөттөлгөн. Айрым учурда мындай төлгөчүлөр элдик медицинанын чөйрөсүнө да кийлигишкен. Мисалы, алар атайы мүнөздөгү дарылоо менен эмдөөнүн зарылдыгын белгилешкен, сакаюунун мөөнөтүн аныкташкан жана башка төлгөчү койдун далысындагы сөлөкөттөр, жаракалар аркылуу адамдын тагдырын боолголошкон, койдун далысындагы кичинекей жылчык аркылуу оорунун себептерин, мүнөзүн, дарттууну эмдөө үчүн зарыл болгон каражаттарды «көрүшкөн» жана башка теспе, кумалак, таш жана башка нерселердин жардамы аркасында төлгө тарткан кыргыз олуяларынын эмчилик ишмердүүлүгү да ушундай эле мааниге ээ болуп, ушул сымал эле мүнөз күткөн. Айрым учурларда кыргыз эмчиси да төлгө тарткан мисалдар болгон. Айтсак, кыргыз бакшысы (шаман) дарттууну эмдөө ишин төлгөдөн баштаган. Эгер төлгө дарттууну эмдөөдө оң натыйжага алып келээрин «көрсөтсө», анда бакшы өзүнүн дарылоо «курсун» дароо баштаган. Ошондой болсо да, ортодоксалдуу ислам менен анын ыйык китеби болуп саналган «Куран» мындай төлгөлөр менен төлгөчүлөрдүн ишмердигин кескин сынга алат жана четке кагат [100: 600].
Молдо (арабчадан маула – башчы (владыка)) – 1) ислам дин кызматкери; 2) мусулман өлкөлөрүндө билимдүү, окумал киши.
Кыргыз мусулман молдолору анимизмдин калдыктары менен дарылоону колдонушкан. Жогоруда сөз болгондой, анимизмдин калдыктарына дүйнөдө кудурети күчтүү Аллахтан сырткары адамдарга ар кыл оору-сыркоолор менен кырсыктарды алып келген негативдүү мүнөздөгү руханий күчтөр жашайт деген түшүнүктөр сыяктуу анимизмдин калдыктарына таянуу менен дарылоону артык көрүшкөн. Шаманизмди тутууга тийиш болбосо да, мусулман молдосу дарттын рухун денеден кууп чыгуу максатында кудайдын жардамына кайрылган. Башка улуттагы молдолордон айырмаланып, кыргыз улутундагы молдо илдеттин рухун оорулуунун денесинен кубалап салуунун шамандык ыкмаларына арбын кайрылганын этнографиялык булактар далилдеп турат. Дарылоо ишинде молдого караганда олуянын орду алда канча жогору болгон.
Олуя (арабчадан валий – кудайга жакын адам деген түшүнүк) – кең маанисинде келечекте боло турган окуяларды алдын ала даана билип, күн мурунтан болжоп айтып бере турган адам. Адам баласын ар түрдүү жаңылыштыктан, мүшкүл-шордон, азаптан сактап кала турган көзү ачык, даанышман, пайгамбардын катарында турат. Ислам дининде кудайдын элчиси, эл менен кудайдын ортосундагы ортомчу, кудайга жакын адам деп эсептелинет. Пенденин багы тайган учурунда колдоп, ошол балээден куткаруучу, ошондой эле оору-сыркоодон, кеселден да айыктыруучу керемет сыйкыры бар адам катары сүрөттөлөт. Олуяга сыйынуу исламдан башка да иудаизм, христиан жана башка диндерде кеңири тараган. Эпосто, элдик оозеки чыгармачылыкта олуя айрым бир акылман, эл башкарган калыс жана аксакал каармандардын эпитетасы катары да кеңири колдонулат. «Манас» эпосунда олуянын сыпатталышы:
Топ олуя биригип, Тобосунан бүткөн дейт.
Бар олуя биригип,
Батасынан бүткөн дейт [126: 245].
Белгилүү болгондой, диний дүйнө таанымдын тарыхый тамырлары байыркы адамдын табигый жана социалдык кубулуштардын алдындагы алсыздыгы менен байланышкан. Диний дүйнө таанымдын маңызы тууралуу сөз кылуу менен Ф. Энгельс мындай деп жазган: «Ар бир дин адамдардын башына алардын күнүмдүк турмушунда үстөмдүк кылган сырткы күчтөрдү фантастикалуу маанайда чагылдырат да, кадыресе табигый күчтөр ашкере мүнөздөгү керемет күчтөргө айланат» [240: 171].
Өзүнүн акыл-эсинин өнүгүүсүнүн баштапкы этаптарында, – деп жазат Э. Тэйлор, – адам чыныгы жашоодо өз ара тыгыз байланышта болуп турган нерселерди ой аркылуу да байланыштырууга үйрөнгөн. Бирок акырындык менен мындай аналогия бурмаланып, ойдогу ассоциация реалдуулуктагы байланыштар менен тең маанилештириле баштаган [219: 76]. Г.В. Плехановдун сөздөрү боюнча алгачкы жамааттын кишиси «адамдын башында болуп жаткандар менен курчап турган дүйнөдө болуп жаткандардын ортосундагы айырмачылыкты билген эмес» жана «объективдүү кубулуштарды субъективдүү кубулуштар менен чаташтырган» [177: 137].
Күнүмдүк турмушунда байыркы адам найзанын соккусунан айбанаттардын өлөрүнө ынанган. Ошол себептен ал кум бетине тартылган айбанаттын сөлөкөтүн найза менен ургулоо аңчылыктын натыйжасына оң таасир берет деп жаңылыш түшүнгөн. Эгер аңчылыкта ийгиликти камсыз кылып, сыйкырдуу ырым-жырымдардын борборунда турган мындай ишенимдерди аныктоого аракет кылып көрсөк, – деп жазат Ю. Францев, – анда мындай ишенимдерди фетишизм деп атоодон бөлөк жол жок [221:142].
Элдик салттуу дарылоодогу фетишисттик элементтери. Диндин пайда болуусу адамзаттын тарыхындагы эң байыркы доорлорго таандык. Жогоруда айтылгандай, алгачкы жамааттагы адамдын өз табияты менен курчап турган дүйнөнүн кубулуштарын түшүнө албоосу диндин жаралуусуна шарт түзгөн. Сырткы дүйнө менен ички дүйнөнүн уйку, түш көрүү, оору-сыркоо, өлүм сыяктуу кубулуштары байыркы адамдар үчүн жандырмагын табуу кыйын болгон татаал табышмакка айланган. Албетте, алгачкы адамдар аларды илимий түрдө чечмелей албагандыктан, табият табышмактарын иликтөөнүн жападан-жалгыз жолу катары ошол кубулуштарга керемет касиеттерди ыйгарган диний-мистикалык жол тандалып алынган. Ошол себептен, илимий адабиятта: Эң байыркы замандарда алгачкы адамдардын өздүк табияты жана аларды курчап турган сырткы табият тууралуу түркөй жана караңгы түшүнүктөрүнөн дин жаралган [238: 12]. Ошентип, алгачкылардан болуп байыркы адам тарабынан курчап турган нерселер менен кубулуштар керемет күчкө ээ делинип, алар адамдан бийик коюлуп, аларга өзгөчө күч-кубат таандык кылынган да, фетишизм (французчадан ГейсКе – идол, талисман) деп аталган диндин эң байыркы формасы жаралган.
Бул маселе тууралуу советтик окумуштуулардын изилдөөлөрүн корутундулап келип Ю. П. Францев мындай деп жазат: «Табигый күчтөрдүн алдында алсыз адамдын башында чагылдырган фантастикалык диний түшүнүктөр кубулуштарды фетишизациялоодон башталган. Табияттан сырткары жашаган рухтар тууралуу түшүнүктөр жок кезде нерселерге алардын нукура сапаттарына кескин каршы келген керемет касиеттерди ыроолоо процесси башталган» [221: 19]. Белгилүү болгондой, дүйнөнүн бардык элдеринде сакталып калган фетишизмдин саркындылары илимий адабиятта сүрөттөлүп сапатталган [14:40]. Биздин улуттун элдик салттуу дарыгерчилигинде фетишизмдин саркындысы катары «ыйык жерлер» менен «мазарлардын» шыпаалуу касиеттерин дарылоо максатында пайдаланууну атоого болот. Шыпаалуу жерлерге табынуу Орто Азиянын башка элдеринин арасында да кеңири тараган. Бул чөлкөмдүн элдеринин исламга чейинки диний ишенимдери тууралуу сөз кылып келип, профессор С. П. Толстов мындай деп жазат: «Өткөн замандарда оору-сыркоолор менен тукумсуздук жүздөгөн адамдарды мазарларга жөнөөгө мажбур кылган» [215: 202–204]. Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин Кыргызстандын аймагында мазар катары эл табынган жерлер арбын болгон. Совет бийлигинин учурунда коммунисттердин атеисттик идеологиясына ылайык мындай жерлерге табынууга тыюу салынса да, эгемендүүлүктүн шарттарында элдин диний аң-сезими кайрадан ойгонуп, шыпаалуу жерлерге табынуу жанданууда. Мындай ыйык жерлердин басымдуу көпчүлүгү анимисттик ишенимдер менен исламдык догмаларга ылайыкташтырылган уламыштарга ээ. Мындай ыйык жерге сыйынуу исламга чейинки диндерге таандык болсо да, бүгүнкү күндө сөз болуп жаткан ырым-жырым мусулман дининин жоболору боюнча жүргүзүлүп, анда анимизм, фетишизм жана ислам өз ара жуурулушуп, синкреттик формага өтүп кеткендигин байкоого болот.
XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы кыргыздардын ичиндеги дарттуу адамдар шыпаалуу жерлер катары башка аймактардан өзүнүн сырткы сыпаты жана артык касиеттери менен айырмаланган булактарга, тал-теректерге, аска-зоолорго, тоо-таштарга, шаркыратмаларга табынып келишкен. Аталган жерлерге мүнөздүү болгон шыпаалуу касиеттер менен сапаттарды карапайым эл илимий мүнөздө түшүндүрө албагандыктан, өздөрүнүн байыркы диндерине ылайык келген мистикалык жоболорго таянуу менен ошол жерлер керемет сапаттар менен касиеттерге ээ деп ынанып келишкен. Казактарда да мындай ынанымдар кездешээри тууралуу Ч. Валиханов минтип жазат: «Табияттын кадыресе эмес кубулуштарынын баарын ыйык деп эсептешет… Ийри-муйру, сүйкүмсүз болсо да талаада өскөн жалгыз дарак, ошондой эле укмуштуудай кооз бутактарга ээ өсүмдүк табынуу менен сыйынуунун предмети болуп кала алат» [42:145–148]. Сарбагыш, моңолдор жана черик уруулары жашаган Ат-Башы өрөөнүндө XIX кылымдын аягында шыпаалуу касиеттерге ээ бир нече жерлер болгон. Айтсак, алардын бири Мазар-Терек деп аталып, илдеттүү малга шыпаа болгон касиеттери менен айырмаланган жер. Бул Ат-Башы айылынан 7 км түштүк тарапта, Ой-Терскен жана ТерекСуу айылдарынын ортосунда, Ат-Башы кырка тоосунун этегинде, Терек-Суу жана Суу-Булак дарыяларынын жээгинде жайгашкан. Дарыялардын суусу тоодон жогорку ылдамдыкта агып түшөт да, өтө тунук жана муздак келет. Эки дарыянын ортосунда жергиликтүү калк «ыйык» деп эсептеген жалгыз терек өсүп турат. Мурунку замандарда ылаңдаган малдан сырткары, сыркоолуу адамдар да келип, Мазар-Терекке табынып кетишчү.
Экинчиси, Ат-Башы өрөөнүндөгү Арашан суусу. Шыпаалуу булактарга карата жасалган ушундай эле мамиле казактардын элдик салттуу дарылоосунда да кездешет. Туздуу көлдөр тууралуу айтып келип, Н.Е. Алекторов мындай деп жазат: «Шор деп аталган мындай көлдөргө кыргыздар шыпаалуу булактарга жасагандай мамиле кылышат» [11: 22–24]. Дарттуулардын ысык булактарга шыпаа издеп табынуусу дүйнөнүн башка элдеринде да кездешет [129: 34–36].
Ат-Башы өрөөнүнөн сырткары, Кыргызстандын башка аймактарында да ушундай эле шыпаалуу жерлер көп кездешет. Мисалы, тил жана адабият институтунун архивинде сакталып турган С. М. Абрамзондун материалдарында Тогуз-Торо аймагында «ыйык» жерлер катары төмөнкүлөр: Жылаңач-Бугу, Таш-Дөбө, Көк-Таш, Мазар-Көл ж.б. [3:373–383] көрсөтүлөт.
С.М. Абрамзон саяк уруусунан чыккан баатырлар Тайлак менен Атантайдын мүрзөлөрү да өткөн замандарда «ыйык» жер катары кастарланып келгендигин жазат. Аталган баатырлардын көрүстөнү менен Ак-Талаа аймагындагы Ак-Терек чер токою жогоруда сүрөттөлгөн Ат-Башы аймагындагы «ыйык» жерлерден эч нерсеси менен айырмаланбайт. Булардан сырткары Кыргызстандагы «ыйык» жерлер катары Кочкор-Ата, Алтын-Арашан, Ысык-Ата, Чолпон-Ата, Манжыл-Ата, Тал-Мазар, Баба-Ата, КотурБулак ж.б. эсептелинет. Аты аталган «ыйык» жерлер менен шыпаалуу булактардын айрымдарынын боюна Совет бийлиги мезгилинде «Арашан», «Чолпон-Ата», «Ак-Суу» ж.б. курорттор менен эс алуучу жайлар уюшулган.
Жогоруда айтылган «ыйык» жерлерге табынуудан сырткары кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диний-мистикалык каражаттары менен ыкмаларынын арасында тал-теректи, отту, сууну, жерди жана адамды курчап турган башка конкреттүү нерселерди фетишизациялоонун бир топ саркындылары кездешет. Мисалы, кыргыздардын арасындагы сууну, отту жана темирди фетишизациялоонун калдыктары да болгон.
Элдик салттуу дарылоодогу анимаисттик элементтер. Белгилүү болгондой, өндүргүч күчтөрдүн андан аркы өнүгүүсү менен бирге эле адамдын акыл-эс жөндөмдүүлүктөрү да өсө баштайт. Татаал мүнөздөгү эмгек куралдарын жасоону үйрөнгөн адам абстракттуу түшүнүктөрдүн жардамы аркасында ойлоно баштайт. Элдердин диний ишенимдеринин андан аркы өнүгүүсү керемет күчтөрдү кадыресе нерселер менен конкреттүү кубулуштардан, жанды денеден айырмалоо аркылуу жүргөн да, анимисттик түшүнүктөрдүн (латынча – жан, рух) пайда болусуна шарт түзгөн.
Кыргыз элинин салттуу дарылоосунда анимисттик эле- менттер да бар. Талаа материалдары күбөлөп тургандай, оорулардын «ээлери», же динчилдер тарабынан бир топко бөлүнгөн. Мисалы, керемет күчтөр: кудай, кудайдын каары, Жер-Суу кудайы, жин-шайтандар, азезил. Экинчи антопомдордун ээлерине Умай эне, Батма-Зуура, Бүбү Айша, Бүбү Калича, Кирене, Коросон, албарсты кирет. Ал эми жаныбар сымал рухтарга болсо кептөөр, чымын, чөл кескелдириги, жөргөмүш, бака, кур бака [АТМ, Ноокат району, Кара-Суу району, Нарын району, 2006, 2, 3] киргизилет.
Кыргыз эмчилеринин түшүнүктөрү боюнча жаш балдардын колдоочусу болуп Умай эне эсептелет. Умай эненин рухун кыргыздар өтө келишимдүү, боорукер жана такыба (таза, тыкан, ыпластыкты сүйбөгөн) аял түрүндө элестетишкен. Умай эне күнү-түнү балдарды терс мүнөздөгү руханий күчтөрдүн ыктымалдуу кол салуусунан коргоп турат. Баласына карата дарылоо аракеттерин жасоодо колдонулган эненин магиялуу сөздөрү:
Бисмиллаллахир рахмаанир рахим,
Бул менин колум эмес, Умай эненин колу, Батма-Зууранын колу.
Бүбү Батма, Бүбү Зуура,
Бүбү Айшанын, Бүбү Каличанын колу.
Токто, жүрөк, токто!
Токто, жүрөк, токто! Менин колум эмес, Умай эненин колу.
Элдик табыптардын пикиринде «жүрөк көтөрүү» деп аталган ырымды жасоодо наристенин энеси жүрөгү түшкөн баласын дарылоо ишин мен эмес, Умай эне жасап жатат, ал балага жардам берет жана баланы колдоп жүрөт деген үмүт-тилек туюнтулган [АТМ, Араван району, ТоңМоюн айылы, 2006:3]. Диний ишенимдердин өнүгүүсүнүн анимисттик стадиясында башка элдер да балдарды коргоп жүргөн рухтарга ишенишсе керек. Умай эне ушунчалык такыба жана боорукер болгондуктан, баланын энеси күндүз баласын киринтүүнү, же бети-колун жууп коюуну унутуп калса, түн ичинде Умай эне баланы киринтип жана жуунтуп коёт деген түшүнүк болгон. Өткөн замандарда көпчүлүк кыргыз энелери Умай энеге таянып алып, балдарынын тазалыгы менен гигиенасына карата жетишээрлик көңүл бурушкан эмес. Балдар ооруп калган учурларда Умай энеге арнап курмандык чалынган. Эреже катары курмандык ирээтинде кой тандалып алынып, бул курмандык башка курмандыктардан эч нерсеси менен айырмаланган эмес. [151:92–94].
Кыргыз элинин исламга чейинки диний ишенимдеринде Жер-Суу кудайы тууралуу түшүнүктөр жана ага табынуу орун алган. Жугуштуу оорулардын эпидемиясы каптаган учурларда биздин ата-бабалар бул кудайга «жардам» сурап кайрылып, анын урматына курмандык чалып, түлөө өткөрүшкөн. Мындан сырткары, адамдардын иш-аракетине нааразы болгон учурларда Жер-Суу кудайы аларга ар кыл оору-сыркоолор менен илдеттерди жиберет деген ишеним болгон. Ошол себептен, кыргыздар кадыресе ооруларды да аталган кудайдын каары катары түшүнүп, түлөөнүн жардамы менен анын ачуусун «жумшартууга» аракет кылышкан. Мындай курмандыкка чалуулар менен түлөөлөр көрүстөндүн, же мазардын жанында, же болбосо таза жерде, эмчи-домчу, бакшыдан сырткары, исламга таандык молдонун тикелей катышуусунун астында өткөрүлгөн. Бир эле учурда бир нече мал курмандыкка чалынып, алардын эти элге таратылып, териси молдого энчиленген. Түлөө өткөрүү учурунда ислам каада-салттары милдеттүү түрдө аткарылган. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде Жер-Суу кудайынын ырайынын кансыз отуруучу мындай түлөөлөр жылына эки жолу, б.а., жазында жана күзүндө өткөрүлгөн. Жер-Суу кудайы тууралуу кыргызча-орусча сөздүктүн автору, профессор К. К. Юдахин да эскерет [240: 576]. Орхон-Энесай түрктөрүндө да Жер-Суу кудайы болгонун профессор А. Н. Бернштам жазган [27:]. Бүгүнкү күндө кыргыздар бул кудайды анимисттик да, исламдык да өңүттөрдө кабыл алышат, табынышат жана түшүндүрүшөт. Ошондой болсо да Жер-Суу кудайы тууралуу кыргыздардын түшүнүгү өтө байыркы фетишисттик ынанымдар менен тыгыз байланышта экендиги эч кандай күмөн туудурбайт.
Кирене (ач кирүү, кирене кирүү) деп аталган ооруга чалдыккан наристе тынчсызданып, эч нерсеге көңүлү келбей, ыйлай эле берет. Денеси ысып, улам-улам эстей берип, алсырап алы кетет. Информаторлордун берген маалыматтары боюнча кирененин ээси болуп эч барар жери жок, ачка, жүдөгөн кейипте сыпатталган жетим кыз эсептелет [АТМ Нарын району, 2007:3]. Ал карап туруп эле каалаган адамына кирип алат. Мисалы, бир адам жаш баланы жакшы көрүп койсо, сымбаттуу, жакшынакай адамдарга суктанып койсо, ошол замат кирененин ээси болгон жетим кыз түрүндөгү руханий күч адамдын сугун жараткан наристеге, же татынакай кишилерге кирип алып, аларды ооруга чалдыктырат. Киренени ырымдоонун да бир топ жолдору болгон. Кээ бир эмчилер нан, башкалары кагаз, кээлери ар кандай 7 тамак алып ырымдашкан [АТМ, Нарын району, 2007:3]. Айтсак, эмчи нанды 7 бөлүккө бөлүп алып, кайра баарын чогуу кармап туруп, баланын башынан ылдый, колдорунун учуна чейин, кайра төшүнөн ылдый бутунун учуна чейин алдынан, артынан алып, ылдыйды көздөй «сыдырат». Бул кирген киренени сыдырып барып, түшүрүүнү туюнткан. Киренени чыгарган адам ошол эле убакта өзү да шалдырап, алы кете баштайт. Бул жаш балага кирген жаман кара күч ырымчыга өтүп кетти дегенди билдирген. Ошол себептен, кирене чыгарып жаткан адамга ырымга «жолдугу» деп төөнөгүч, нан, же дагы бир нерсе берип коюш керек. Ошондо гана кирене, же ачка жетим кыз курсагы тоюп, адамдын денесинен чыгып кетет деп ишенилген. Айрым учурда эмчинин ко- лундагы нанга чогулган баланын организминдеги жаман энергияны итке өткөрүү максатында киренелөө ырымын жасоодо колдонулган нанды итке беришкен. Мына ушундан кийин гана бала эс алып, тынчтанып, уктап кетет деп ынанылган [АТМ, Ат-Башы району 2007:4].
Чечек, кызамык сыяктуу балдар ооруларын дарылоо да, көп жагынан, кыргыз элинин анимисттик ишенимдери менен тыгыз байланышкан. Кыргыз эмчилеринин түшүнүктөрү боюнча чечекти Коросон-Ата деп аталган терс руханий күч таратат. Эмчилер бул рухту өтө такыба жана башынан бутуна чейин таптаза, апаппак кийимчен аялдын образында элестетишкен. Ф. Поярков кыргыздардын чечектин ээси Коросон-Атага болгон мамилесин мындайча сүрөттөйт: «Алар чечекти «Азиз» деп аталган ыйык жана такыба адамдын образында элестетишет. Көчмөндөрдүн арасында чечектин пайда болушу болуп көрбөгөндөй ызычуу менен тири укмуш коркууну жараткан [185:89–99, 185: 42]. Казандык татарлардын байыркы түшүнүктөрү боюнча чечек «Чячяк анасы» (чечек энеси), же «Чячяк ияси» (чечек ээси) деп аталган руханий колдоочуга ээ болгон [152: 258–267]. Кыргыз эмчи-домчуларынын түшүнүгү боюнча аялдын кош бойлуу учуру анын өмүрү менен ден соолугу үчүн өтө кооптуу мезгил болуп саналат. Бул учурда аялдарга, өзгөчө кош бойлууларга жамандык жасоону көксөгөн албасты (албарсты), же кара деп аталган терс мүнөздөгү руханий күч кош бойлуу аялдын артынан түшүп, аны далай оору-сыркоолор менен кырсыктарга кабылтат. Диний түшүнүк боюнча бул күч чачы жайылган, салаңдаган эмчектерин эки ийнине арта салган көзгө көрүнчү аялдын түрү суук сөлөкөтү түрүндө элестетилген. Аны кыргыздар албарсты, казактар, түрктөр, татарлар, башкырлар, өзбектер, тувалыктар, алтайлыктар албасты, түркмөндөр албассы, ногойлор менен каракалпактар албаслы, азербайжандар хал, халанасы, кумыктар албаслы катын, балкарлар менен карачайлар алмасты дешет [113:283]. Адам уктап жатканда жүрөк кагышы начарлап, деми кыстыгып кыйналган, же төрөт учурунда кыйналып, алсыраган аялдын оор абалын динчил адамдар албарстынын басышы менен байланыштырышкан. Ошол себептен эреже катары, аялдардын, айрыкча кош бойлуулардын дарттары менен илдеттерин кыргыз эмчилери сөз болуп жаткан албарстынын жасаганы деп түшүнүшкөн.
Жаш балдардын кептөөр (тамак) оорусунун руху кыргыз эмчилери тарабынан көгүчкөндүн (кептөөрдүн), ал эми койлордун арасында кездешкен чигелме оорусун көзгө көрүнбөгөн чымчыктын образында сүрөттөлгөн [184:88–99, 185:42]. Эмчилердин пикиринде кой баласын мындай чымчыктан жашыруу, же андан коргоп калуу мүмкүн эмес. Д. Фрезердин маалыматтары боюнча дүйнөнүн башка элдери да рухтарды ар кандай жаныбарлардын образында элестетишкен [220: 197]. Ф. Поярковдун сөздөрү боюнча кара кыргыздар булак эн (золотуха) илдетин Азезил деп аталган шайтандын митайым аракети катары түшүнүшөт [183:88–99, 185:42]. Алардын пикиринде Азезил өзүнө көз каранды болгон шайтандардын эң кичинекейин «Челемче» аттуу чымындын түрүндө адамдын мээсин уурдап келүү үчүн жиберет. Мээге жетүүнүн эң кыска жолу болуп анын кулагы эсептелет… [184:76 ]
Элдик салттуу дарылоодогу тотемисттик элементтер. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диний-мистикалык бөлүгүндө «жаныбарлардын культуна» сыйынуу сымал тотемизмдин калдыктары сакталып калган. Мисалы, баш ооруну сакайтуу максатында жасалган «баш теңдөө» деп аталган татаал аракет бакага сыйынуу менен аяктаган. Мындай аракетинин аягында оорукчан адам бакалардын үнү угулган, же алар жашайт делген көлгө, дарыяга, сазга ж.б. суулуу аймакка барып, бакаларга карап, үч жолу бүгүлө жүгүнүп, үнсүз табынат. Өткөн мезгилдеги кыргыздардын бакага болгон мындай мамилесин Ф. Поярков төмөнкүчө сыпаттаган: «…кара кыргыздар бакаларды уулуу деп эсептейт… баканы өлтүрүү күнөө деп табылгандыктан, баканы дары катары пайдаланышпайт» [183:88–99, 185:42].
Элдик салттуу дарылоодогу магиялык элементтер. Магия (грекче mageia – сыйкырчылык) кандайдыр бир ниет кылынган натыйжага жетүү максатында адамдын башка адамдар менен табигый кубулуштарга таасир эте алган керемет жөндөмдүүлүктөрү, адаттан тыш шыктары менен байланышкан укмуштай иш-аракеттеринин жыйындысы болуп саналат [31: 670]. Айрым изилдөөчүлөр магияны фетишизмдин курамдык бөлүгү катары караса [220:197], башкалары магия менен фетишизм байыркы уруулук диндердин өз алдынча формалары деп аташат [151: 36–38].
Магия тууралуу кеп кылып келип, Зигмунд Фрейд мындай деп жазат: «Өз маңызы боюнча магия рухтарды четке кагат… Ошол эле учурда жаратылыш күчтөрүн кереметтештирүү оң натыйжа бербей калган кездерде гана магия колдонула баштайт» [446].
Магия ар дайым конкреттүү кубулуштар менен предметтердин фетишизациясы менен коштолуп жүрөт. Ошол эле мезгилде магиялык иш-аракеттерсиз фетишист өз ынанымына таандык ырым-жырымдарды жасай албайт. Көңүл коюп, кылдат карай турган болсок, магиялык ишаракеттер ар дайым кандайдыр бир ырым-жырымдын өзөгү болуп саналган фетиштин (идолдун, талисмандын) айланасында жасалат. Чыныгы ниет кылынган акт (кыймыл-аракет) менен тууроонун ортосуна кандайдыр бир байланышты орнотуп, бул байланыштар менен магиялык ырым-жырымдын борборунда турган фетишке керемет касиеттерди ыйгаруу аркылуу байыркы адамдар магиялык туурамчы иш-аракеттер каалаган ниеттин ишке ашуусуна көмөк берет деп ишенген. Мисалы, аңчылыкка чыгардан мурда аңчылыктын жүрүшү менен анын натыйжасын имитациялаган магиялык иш-аракеттер олжолуу аңчылык ниетин ишке ашырууга шарт түзөт.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу эмчилер тарабынан оору-сыркоолорду дарылоодо колдонулган мистикалык каражаттар менен ыкмалар сыйкыр, же тилсим деп аталган магиянын бир катар саркындыларына ээ. Мисалы, дарылоодо жибек жипти жерге көмүү менен байланышкан магиялык иш-аракеттер болуп безгек (малярия) оорусунан арылуу максатында узундугу оорулуунун бою менен тең жибек жипти жерге көмүп коюшкан. Сөөлдү (бородавка) «дарылоо» максатында жибек жипке сөөлдүн санына тең келген сандагы түйүндөрдү түйүп, андан соң аны жерге көөмп коюшкан. Бул жиптер чириген сайын безгек менен сөөл жоголууга тийиш болгон [151: 36–38].
Шал оорусун (паралич) дарылоодо кыргыз эмчиси дарттуунун жаздыгынын алдында бир түн түнөгөн бирдей өлчөмдөгү жети кара ташты тоодон ылдый кулаткан. Мындай аракет оорулуунун шалга чалдыккан дене бөлүктөрүн кыймылга келтирүүгө көмөк берген.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диниймистикалык бөлүгүндөгү магиянын күчтүү саркындыларын көрсөтүүнү айтылгандар менен чектесе болот.
Элдик салттуу дарылоодогу исламга таандык элементтер. Белгилүү болгондой, анимизм ишеними динди монотеизмге алып баруучу жолдун акыркы тепкичи болуп саналат. Өндүргүч күчтөр менен эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн андан аркы өсүшү, жеке менчиктин, таптардын жана мамлекеттүүлүктүн пайда болушу, борборлошкон бирдиктүү жана жеке мамлекеттин калыптанышы бир кудайга ишенүү идеологиясын жаратып, аны бекемдеген. Белгилүү болгондой, кыргыздар өздөрүн монотеисттик диндердин бири болуп саналган исламга таандык кылышат. Бирок тарыхый өнүгүүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык ислам дини кыргыз элинин ичинде терең тамырлаша алган эмес. Орто кылымда эле исламды расмий кабыл алган Борбордук Азиянын башка элдеринен айырмаланып, дээрлик узак мезгилдер бою кыргыздар анимизм башында турган бутпарастык диний ишенимдерди бекем тутуп келген. Ошол себептен, XVII кылымда Чыгыштагы көпчүлүк мусулман элдер кыргыздарды «капырлар» («динсиздер») деп аташкан [184:88–99, 185:42]. XIX кылымдын ортосунда жашаган кыргыздар тууралуу кеп кылып жатып, Ч. Валиханов да мындай деп жазган: «Буруттар» өздөрүн мусулман деп атаса да, Мухаммед деген ким экенин билишпейт. Алар өлүк коюу, үйлөнүү үлпөтү сыяктуу иш-чараларды бутпарастык шаманизмдин ырым-жырымдарынын жардамы аркасында өткөрүшөт» [43:73]. Кыргыздар менен казактардын диний ишенимине карата ушундай эле бааны М. Н. Зеланд [72:1–78] жана андан кийинки изилдөөчүлөр [6:4, 149: 14–18] да берген. Борбор Азиянын улуттук иденттүүлүгүндөгү ислам компоненти кандайдыр бир улутка таандык болбогон ислам жамаатына, же уммага таандык болуу сезими менен дал келбейт [241:46–72]. Борбор Азиянын мусулмандары үчүн уммага эмес, кандайдыр бир улутка таандык болуу өзгөчө мааниге ээ. Профессор С. П. Толстовдун сөздөрү боюнча «…көчмөндөрдүн байыркы шамандык диний ишенимдеринин өтө кубаттуу катмарынын үстүнө жука тон катары жабылган ислам дини Түркмөнстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда өтө бекем орной алган эмес» [215: 268–302].
К. Рахматуллиндин [191: 123, 190: 80] маалыматы боюнча уламыштуу Манас ислам дини менен анын эшенкалпасына өтө кайдыгер мамиледе болгон.
Исламдын кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диний-мистикалык бөлүгүнө тийгизген таасири маңыздуу эмес, үстүртөн гана болгон. Оору-сыркоолорду дарылоодо кыргыз эмчилеринин Аллах менен ислам дининдеги ыйыктарга кайрылуусу ырым-жырым мүнөзүндө болуп, дарылоонун каражаттары менен ыкмаларынын маңызына эч кандай тийиштиги болгон эмес.
Кыргыздардын арасында исламга таандык молдо ме нен исламга чейин эле болуп келген эмчи-домчунун ортосундагы айырмачылык казактар, түркмөндөр жана башкырлардан эч нерсеси менен өзгөчөлөнгөн эмес. Ошол себептен, профессор С. П. Толстов Орто Азия элдеринин диний ишенимин: «Шаманчылык менен коюн-колтук алышкан ислам» – деп таамай мүнөздөгөн [215:76].
Демек, мусулман молдолорунун дарылоо ыкмалары менен каражаттары кыргыздардын исламга чейинки ишенимдеринин саркындыларынан көп айырмаланган эмес. Фетишизмдин калдыктарына таянган мусулман молдолорунун дарылоо ыкмалары менен каражаттарына «ичиртки» ырымын киргизүүгө болот. Бул ырымды жасоодо куран окулуп, дуба түшүрүлгөн булак суусу шыпаалуу деп табылып, илдеттүүгө ичирилген. Ошондой эле куран түшүрүлгөн же аяттар жазылган тексттерди тумардын ичине салуу жолу менен да дарттуунун абалын жеңилдетүү аракеттери жасалган.
Ошентип, кыргыздардын салттуу дарылоосу магиялык (мистикалык), диний, эмпирикалык жана илимий мүнөздөгү бутактардан турган деген тыянакка келдик.
«Манас» боюнча мистикалык медицинага ыктоо менен дарымчылык жана табыпчылык кылгандарга бакшыларды, бүбүлөрдү, куучуларды, ошондой эле ар кандай төлгөчүлөрдү (негизинен, далычыларды) киргизсе болот.
Сибирь элдеринде кам, шаман жана башка түрлөрүндө айтылган түшүнүктөр кыргыз тилиндеги бакшы, бүбү маанисине дал келет. Бакшыны эл көзү ачык деп эсептешип, алардын бакшылык кыймыл-аракеттерине зор ишеним менен мамиле кылышкан. Кыргыздардын ичиндеги бакшылык, көпчүлүк учурда, Сибирде жашаган түрк элдеринин, ошондой эле өзбек, казак, уйгурлардын жогоруда сунуш кылынган аныктамалардын биринчи маанисиндеги бакшылыгына окшоп кетет. Ислам дининин тарашы менен бакшылык биротоло жоголуп кетпестен, исламдын суфизм агымынын элементтери менен аралашып, синкретикалык татаал көрүнүшкө айланган.
Калк арасында куучу кубаты өтө зор, бирок көзгө көрүнбөгөн күчтөр менен байланыш түзө алат жана алардын жардамы менен оорулуу адамдарды сакайтат, кырсыкты, жин оорулуулардын жинин, талмалуулардын талмасын, илешкени барлардын илешкенин кубалайт деген терең ишеним болгон. Айтсак, үй-бүлө мүчөлөрү биринен соң бири узакка созулган оору-сыркоого, же удаа келген кырсыктарга чалдыкканда, алар аргасыздан куучуну үйүнө чакырууга мажбур болушкан.
Төлгөчү айлана-чөйрөнү, жаратылышты, адамдардын кулк-мүнөзүн айрыкча билген, кандайдыр бир буюмдардын, кубулуштардын жана башка белгилердин жардамы аркылуу алдыда боло турган окуяны, анын мүнөзүн алдын-ала чечмелеп берүүчү адам болгон. Төлгөчүлөр эркектен да, аялдан да чыккан. Кыргыз элинин турмушунда болуп келген төлгөчүлөр фольклордук чыгармаларда да кеңири орун алган.
Ислам дининин негизги жоболорунда кудайдан башка эч кимге сыйынууга болбойт делингени менен олуялардын өзүлөрүн жана алардын аты аталган ыйык жерлерди мазар тутуп, ыйык эсептеп, сыйынуу турмушта кеңири жайылган. Ошол жерлерге (мазарларга) кайыр-садага, курмандык кылуу ислам дининде кенен колдонулат. «Манас» эпосунда мына ушул диний түшүнүк фантастикалык образ катары учурайт. Мифтик ыйык каарман катары эшен, кожо, молдо сыяктуу ислам дининин өкүлдөрү бүбү, бакшылардан жогору коюлат.
Дүйнө элдеринин диний түшүнүктөрүнүн тарыхый өнүгүүсүндөгү фетишисттик баскычка дал келген элдик медицинанын диний-мистикалык мүнөздөгү дарылоонун эң байыркы ыкмалары менен каражаттары да адамды курчап турган чыныгы нерселер менен кубулуштарга керемет касиеттер менен сапаттарды ыйгаруу менен тыгыз байланышкан. Фетишизм өңдүү диний-мистикалык маанайдагы дарылоонун «ыйык жерлер» менен «мазарлардын» шыпаалуу касиеттерин дарылоо максатында пайдалануу сыяктуу эң байыркы ыкмаларынын саркындылары дүйнөнүн бардык элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин да элдик салттуу дарылоосунда сакталып калган.
Анимист курчап турган дүйнөнү керемет рухтарга толтурат да, табият менен коомдун кубулуштарын ошол рухтардын ишмердүүлүгү деп түшүнөт. Оору-сыркоо, дарттан сакаюу, өлүү, төрөлүү ж.б. жогорудагы руханий күчтөрдүн кийлигишүүсү аркылуу түшүндүрүлгөн. Демек, дарттын себеби да, аны дарылоонун ыкмалары да адамды ар кыл сыноолорго кабылткан, же алардан коргогон кудай, кудайдын каары, жин-шайтан, албарсты, дарттын ээси сымал оң жана терс руханий күчтөргө табынуу, же аларга каршы күрөшүү аркылуу түшүнүлгөн жана ишке ашырылган.
Бир катар жараларды дарылоодо кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда тотемисттик элементтер, айтсак айрым жаныбарлардын өтү, эти, майы колдонулган. Алардын айрымдары кыргыз элинин колдоочусу, же байыркы бабасы деп түшүнүлгөн жаныбарларга табынууга байланышкан анимисттик ынанымдар менен шартталса керек. Кыргыз эмчилеринин рухтар тууралуу түшүнүктөрү фетишизмдин элементтерине ээ.
Мисалы, кыргыз шаманы (бакшы) өзүнө жардам берген рухтарды, же оору-сыркоого себеп болгон руханий күчтөрдү чымын, чөл кескелдириги, жөргөмүш, бака, кур бака ж.б. түрүндө элестеткен.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун байыркы ынанымдар менен байланышкан диний-мистикалык бөлүгүндө магиялык иш-аракеттердин сыйкыр, же тилсим деп аталган саркындыларына да кеңири орун берилген.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диниймистикалык бөлүгүндө дарылоонун исламга негизделген ыкмалары менен каражаттарынын үлүшү анча көп эмес. Кыргыз элинин байыртан эле анимисттик ишенимдерге негизделген дарылоо ыкмалары айрым учурларда мусулмандык элементтер менен коштолот. Мисалы, кыргыз бакшысы (шаман) дарылоо аракетин Аллахты даңктоо сөздөрү менен баштап, камлания сеансынын учурунда анимизмге таандык руханий күчтөрдөн (жараткан, Теңир, Кыдыр ата, Умай эне, Дөөтү ж.б.) сырткары, мусулманчылыкка мүнөздүү ыйыктар менен периштелерди (Мухаммед, Ильяс, Сулайман, Батма-Зуура, Азирет ж.б. пайгамбарларды) «жардамга» чакырган.
ЭЛДИК САЛТТУУ ДАРЫЛОО КЫРГЫЗДАРДЫН
ЭМПИРИКАЛЫК ЖАНА РАЦИОНАЛДУУ БИЛИМДЕРИНИН КОМПЛЕКСИНДЕ
- Элдик салттуу дарылоонун эмпирикалык жана рационалдуу багыттары
Кыргыздар менен казактардын элдик салттуу дарылоо су тууралуу сөз кылуу менен Н. Зеланд алардын безгек, ысытма, цинга, ит тиштегенден, жылан, же куртку мурска лар чаккандан улам пайда болгон илдеттер, сыныктар, мертинүүлөр ж.б. сырткы оорулардын айрым түрлөрүн дарылоо ыкмаларын өтө рационалдуу деп атоого болорун жазган [72: 1–78].
Кыргыздардын элдик салттуу дарыгерчилиги, эмпирикалык дарылоо ыкмалары:
- Чөптөн, өсүмдүктөрдөн алынуучу дары-дармектерди пайдалануу: өсүмдүктөрдүн ширеси, чөптөрдүн кайнатылган маңызы, ооруган жерге басылуучу кебезге, же чүпөрөккө чыланган дары, дары чөптөр менен өсүмдүктөр чыланган сууга жаткыруу.
- Организмге физикалык таасир көрсөтүү ыкмаларына болсо укалоо, сыныкчылык, ар кандай көнүгүүлөр, күрөш, спорттук оюндар («байге», «кыз куумай» ж.б.).
- Жаратылыштын коргоо күчтөрүн пайдалануу: сууга чайкануу, шыпаалуу баткакка жатуу, минералдык жана булак сууларын пайдалануу, журт которуу.
- Организмди жөнгө салуу ыкмасына мүнөздөп тамактануу, учуктоо (ысык буу менен дарылануу) ж.б.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун эмпирикалык жана рационалдуу багытынын негизги өкүлдөрү болуп табып менен аначы эсептелет.
Табып (арабча табиб – дарыгер) – эмпирикалык ыкмаларга таянуу аркылуу шыпаалуу чөп-чарлар жана дары-дармектер менен дарылаган элдик дарыгер. А. Айдаралиев белгилегендей, дарылоо ыкмалары дуба окуу, жин-шайтанды адамдын денесинен кууп чыгаруунун ар кыл ыкмалары менен чектелген диний эмчилерге караганда, табыптын дарылоо каражаттары менен ыкмалары элдик тажрыйбага жана кыргыздардын нукура элдик салттуу дарылоосуна бир кыйла жакын болгон [230: 11].
Адамдын уулантылышы жана андан укмуштуу түрдө аман калуу – жөө жомоктордо, эпостордо кеңири белгилүү сюжет. Мындай салттык сюжет «Манас» эпосунда Көзкамандар окуясына байланыштырылып берилген. Көзкамандар окуясына окшош окуя «Мажму ат-таварихте» [119] да бар. Демек, «Манас» эпосу боюнча табыптын эң негизги милдети катары оң кейипкерди уулануудан дарылоо эсептелет.
Кыргыз табыптары «тамырчы-табып», «сыныкчы-табып» жана жалпы табып деген 3 багытка бөлүнүшкөн.
«Тамырчы-табып», адатта, күрөө тамырды кармап, дартты аныктаган. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда тамырчы-табыптар ар кандай илдетти сыркоонун тамырын кармап отуруп эле өтө так айтышкан [АТМ, Араван району, 2006:2]. Дартты ысык, суук, чарбысын деп бөлүшкөн. Тамырчы-табыптын пикиринде табиятта адам баласынан тартып, жан-жаныбарлар, ошондой эле өсүмдүктөргө чейин эркек-ургаачы болуп, эки чоң топко бөлүнөт. Эркек дегени – ысык. Ургаачы дегени – суук.
Кан тамыры лакылдап соккон оорулуунун оорусу табып тарабынан «ысык», ал эми кан тамырынын кагышына билинээр-билинбеген оорулуунун оорусу «суук» деп аныкталган. Тамырчы тамыр кармоонун 3 түрүн ажыратат:
«Ысык» кан тамырга тубаса «ысык» кан тамыр кирет. Бул дайыма эркекке гана мүнөздүү. Тамырдын кагуу ыргагы кысылып, эттен сөөктү көздөй тыз-тыз этип, тез-тез ичинен мелүүн согот. Мындай адамдардын баскан-турганы тың, сергек болуп, ичкен-жегени аш болумдуу келет. Ал суюктукту көтөрөт. Сөөктөгү ысык, же катуу ысык болсо, күрөө тамырлар көппөй, тез-тез сөөктөн этти көздөй сырттан согот. Бул ноокастын пейили катуу, эти жука, эч семирбейт, ар убак денеси ысык болот. Тамагынын аш болумдуулугу начар. Көңүлү ачылбай, басмырт жүрөт.
Ал эми жел ысыкчан тамырга сыркоо адамдар кирет. Тамырдын кагышы эт менен терини жара бөлүп, лаклак этип, сырттан согот. Бул ноокас дайыма үшүкчөөл болот. Кан басымы жогору болуп, дене кара-көк тартып, денеде уюган кан турат. Дайыма кандын айлануусунун начарлыгы сезилет.
«Суук» кан тамырга жалгыз гана аялзаты кирет. Тамыры көппөй, мелүүн, аз-аздан жумшак, ичтен чертип согот. Аял кандай түйшөлсө да, кан басымы өзгөрүлбөйт. Кан басымы ар дайым төмөн болот. Бул адам өзүн өзү сергек сезет, ысык-суукка чыдамдуу, кыймыл-аракетине жараша тер чыгат, ичкен тамагы өтө сиңимдүү келет.
Суугу ашынган ноокас пенденин күрөө тамыры көөп, тамыры солгун, жай согуп, кез-кезде тамырдын согушу өзгөрүлүп, токтоп калат. Бул оорулуунун денеси муздак, ар кандай ооруга чыдамы болбой жалакайланып, тез-тез эти ысытмалап, температурасы көтөрүлүп, ысыкка чыдамдуу, суука чыдамы жок болот. Жел капты оорулуунун тамыры өтө басмырт, кез-кезде гана былк-былк деп, тамыры кысылып согот. Бул оорулуунун тамыры ууру болот. Бул ноокастын денесин шишик басканы байкалат. Ноокастын өзүнө алтымыш эки мүчөсү тең ооругандай сезилет.
Тамырчылар ар бир согуусун жаземдебей таанып, аларды бири-биринен айырмалай билет. Ноокастын ысыкчан, суукчан экендигине карап мүнөз тамакка салат, же дарылоо ыкмасын баштайт. Анын пикиринде уул бала жатындан ысык, ал эми кыз бала суук төрөлөт. Төрөлөөр замат эркек уулдун жатын ысыгын чыгарбай, ороп-чулгап баккандан ысык оору пайда болот. Жатын ысыгы чыкпай, ороп-чулгап багылган наристе бат-бат сыркоолосо, жаныбардын майын ичирип, денесине майды көп сүйкөсө, анда сөөгү ысык, же катуу ысык оорусу келип чыгат. Ошол себептен, жаңы төрөлгөн наристени 1 ай бою кир самын менен жуундуруп, бат-бат туз менен киринтсе, уул балада ысык оорусу болбойт. Денеси чың болуп, ооруга чалдыкпайт. Бул ыкманы Умай эне баш болгон кыргыз энелери илгертен эле колдонуп келишкен [72: 11].
Табыптын пикиринде чарбысын ысык, сууктан бирдей тап жеген оорулуу адам. Бул ноокас мүнөз тамакты туура эмес кармап, эмчилер аны аштан айнытып алган. Тамырдын кагышы ысык жел, суук жел соккондой болот. Мындай оорулуу адам ысыктанса сууктукка, сууктанса ысыктыкка көтөрүмдүүлүгү жок. Бул оорулууну эркек болсо ысыктоо, аял болсо сууктоо керек [72:11].
Жазуу жана оозеки маалыматтар боюнча Борбордук Азиянын уйгур, өзбек, казак сыяктуу бизге коңшулаш айрым элдердин табыптары да оору-сыркоолорду дарылоодо кыргыздардыкындай эле жалпы жоболорго таянышкан. Казак эли тууралуу кеп кылуу менен А. Е. Алекторов мындай деп жазат: «Алардын табыптары (таубдар) оорулуунун колун алып, анын кан тамырын текшерип көрүшөт да, эч кандай суроо-жоопсуз эле өздөрү дарттын белгилери менен оорулуунун келечеги тууралуу көтөрүңкү тондогу үн менен айта башташат. Адамдын дене түзүлүшүн ысык, суук, кургак жана нымдуу деп бөлүшөт» [10: 27–28]. Ысытма, же жогорку температура менен коштолгон оорулар тууралуу А. Е. Алекторов төмөкүлөрдү жазган: «…эт жегенге тыюу салышат жана сары сууну, же уй сүтүнүн сары суусун (сыворотка) беришет» [10: 27]. Ушундай эле жоболор өзбек жана тажик табыптарына да белгилүү болгон. Мисалы, Наливкиндердин пикири боюнча өзбек элдик салттуу дарылоосунда «табигый кубулуштар да, оору-сыркоолор да, бул дарттарга шыпаа болгон дарыдармектер да «ысык» жана «суук» деп бөлүнөт. Тамак-аш менен ичилүүчү суюктуктар адамдын организмине ар кандайча таасир бергендиктен, алар да дары-дармекке киргизилип, «ысык» жана «суук» деп бөлүнүшөт [152: 169]. Өзбек элдик салттуу дарылоосунун мындай өзгөчөлүгү башка авторлор тарабынан да белгиленген [170: 297, 169: 171, 199: 63–71, 201: 45–47]. Орто Азия элдери менен катар эле оору-сыркоолорду дарылоодо колдонулган жогорудагы жоболор бухаралык еврейлердин [15: 1–16] да, Кытай менен Тибеттин дарыгерлеринин [228:12] арасында да кездешкени тууралуу маалыматтар бар. Айтылгандардан кыргыздардын коңшу элдер жана мамлекеттер менен болгон тарыхый карым-катнашы жана алакалары алардын элдик салттуу дарылоосуна, ал эми улутубузга таандык тажрыйбалар менен шыктар коңшулардын да элдик билимине зор таасир эткен деген тыянак жаралат.
Адамдын ден соолугун чыңдоо менен байланышкан көчмөн маданияттын маанилүү курамын улуттук оюндар түзөт десек жаңылышпайбыз. Көчмөн турмушка ылайыкташкан оюндар жана дене тарбия көнүгүүлөрү атайы курулган спортзалдарды, стадиондорду же башка курулуштарды талап кылбагандыгы, жер тандабагандыгы, адамдан намыскөйлүктү, күчтү, шамдагайлыкты, эпчилдикти, тапкычтыкты, чыдамкайлыкты, чечкиндүүлүктү, кайратты, таамайлыкты, өжөрлүктү ж.б. сапаттарды талап кылгандыгы менен өзгөчөлөнүшөт. Кыргыздын боор эти менен бир болгон жылкы баласы катышкан оюндар: ат чабыш, кунан чабыш, тай чабыш, жорго салдырмай, кыз куумай, көк бөрү, аламан байге ж.б. адамдан кара күчтү талап кылган оюндар: балбан күрөш (жаш курактары боюнча), эр эңиш ж.б.; чүкө оюндары: канымдат, упай, сака калчашмай, ордо атышмай, чүкө атышмай, үч тапан (кышында) ж.б.; жайдын кечинде ойнолчу оюндар: токту сурамай, жоолук таштамай, ак терек-көк терек, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, шабыят, алты бакан, селкинчек ж.б.; жайдын күнү күндүз ойнолчу оюндар: чикит чапмай, тебетей тепмей, чапма топ (топ – уйдун жүнүнөн жасалат), ж.б.; мүнүшкөрлүк: кыргый, куш, туйгун, шумкар, бүркүт таптап, илбесиндерге, карышкырга, түлкүгө салмай ж.б.; мергенчилик, же ууга бармай; балыкчылык [78: 198, 218:307, 212: 22].
Тилекке каршы, көчмөн тиричиликтин ар кандай жагдайларында, ошондой эле жогоруда аталган улуттук оюндардын учурунда адамдар колу-бутун чыгарып, белин мертинтип, сөөктөрүн сындырып алышкан да, сыныкчытабыпка кайрылууга аргасыз болушкан.
Сыныкчы деп сөөктүн муундан чыгып кеткенин жана сөөк сынганда, аны ордуна келтирип, туура таңып, айыра алган дарыгер аталган. Сыныкчылардын пикиринде сыныкчылар ички сезими өтө күчтүү адамдар катары айырмаланышып, көпчүлүк учурда, денедеги так ошол сынган жерди сыйпалап сылап туруп, тууралап келип, катуу тартуу менен тайыган сөөктү ордуна келтиришкен. Ал эми шишикти болсо ар кандай шыпаалуу делген жалбырактар менен жаап, кошо таңышкан. Сынган жерге (колго, же бутка), ошол сөөктүн чучугуна тийбеш керек. Эгер сөөктүн чучугуна тийген болсо, анда ошол жер ириңдеп кеткен. Ириңдеген жерге төөнүн жүнүн эшип коюп, же жаап, шак-шактап таңып, ириңди сыртка сордуруп чыгарган. Анткени төөнүн жүнү ириңди ары кетирбей, бери соруп чыгуу касиетине ээ.
XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында сыныкчылар сөөгү сынган сөөктү таңууда пайдаланган негизги каражат шакшак болгон. Аны колго жасашкан [8:209–213]. Шак-шактын негизи бирдей өлчөмдө, бирдей узундукта кесилип алынган бир нече катуу жыгачтан даярдалып, үзүлбөгөн жип менен 1–2 см аралыкта өз ара байлаштырылган. Аталган конструкция сөөктүн тез өсүшүнө, же болбосо кынтыксыз бүтүшүнө шарт түзгөн. Сыныктын түрүнө жараша бутка, колго, белге, кабыргага арналып жасалган шак-шактар болот. Шак-шак коюуда төөнүн же койдун жүнүн да пайдаланышкан [АТМ, Араван району. 2006:2]. Мисалы, казанга суу кайнатып, ага тузду өткөрө салат. Туздуу сууга кара койдун же төөнүн жүнүн салып кайнатат. Сыркоону олтургузуп же жаткырып дененин сынган бөлүгүн катуу нерсенин (адатта тактайга) үстүнө коёт. Анан жүндү ысык боюнча сынган бутка же колго жая салып, үстүнөн чүпүрөк менен жаап, аны тактайга таңып байлап коёт. Тактайдын узундугу жана жазылыгы сынган бөлүккө жараша болот. Мисалы, омуртка сынганда тактайдын узундугу баштан куйрукка чейин болуп, туурасы жазы болушу керек. Эгерде тизеден ылдыйкы бөлүктөгү сөөк сынса, анда жамбаштан буттун башына чейин тактай коюлушу керек [АТМ, Араван району. 2006:2].
Кыргыздардын арасында жалпы табыптар кеңири белгилүү болгон. Алар илдеттүүнүн кан тамырынын кагышына карай дартты аныктап жана мүнөздөп тамак ичүүсүн сунуштап гана тим болбостон, заттардын шыпаалуу касиеттерин жакшы билишкен, оорулууларга жылуулук жана ар кандай ыкмаларды жасашкан. Калк арасында өтө белгилүү болуп, сый-урматка татыган табыптарды «дарыгер» деп аташкан. Дуба ж.б. диний жана мистикалык иш-аракеттерге таянган бакшылардан айырмаланып, жогоруда аталгандай, мындай табыптар ар кыл шыпаалуу дары-дармектерди кеңири колдонушкан. И. С. Колбасенко Копал уездинде иш жүргүзгөн Клышпай Чанандын дарыгерлик ишмердигин сүрөттөп жатып, аны «кыргыз врачы» казак деп баса белгилегени бекеринен эмес [95:13–14].
Оору-сыроолордун себеби белгисиз болгон учурларда (мисалы, нерв-психикалык дарттардын учурунда, малярияда, патологиялык төрөт маалында ж.б.) табыптар бул оорулардын себебин жин-шайтан, пери ж.б. руханий күчтөр менен байланыштырып, аталган ооруларды дарылоо максатында ар кыл мистикалык ыкмаларды колдонууга аргасыз болушкан.
Аначы – төрөп жаткан аялга жардам берген эмчи аял. Акушеркадан айырмаланып, аначы атайы медициналык билимге ээ эмес.
Аначылык өнөрүнүн (акушерлик кызматтын) бири болуп «бир аял – бир аначы» деп аталган туруктуу колдоо саналат. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай кийлигишүү учурунда терс кесепеттер жана тобокелдикке салуу менен коштолгон кооптонуулар жокко эсе болот. Аначынын төрөп жаткан аялга көрсөткөн кылдат кызматы менен ошол аялга да, анын үй-бүлөсүнө да жасаган мамилесинен жаралган оң натыйжасын баалабай коюу эч мүмкүн эмес.
XIX кылымдын аягы – XX башында төрөт учуру кыргыздардын философиялык дүйнө таанышы жана этикалык түшүнүктөрү менен тыгыз байланышта болуп келген. Кыргыздардын дүйнө түшүнүмүндө аял менен эркек сыяктуу элестетилген карама-каршылыктардын биримдигинен куралган чындыкты туюнтат. Мисалы, эркектерге таандык сапаттар бул Кудай, Теңир ата, асман, рух, акыл-эс, түбөлүктүүлүк, күч, ал эми аялдарга таандык сапаттар Умай эне, жер, сезим-туюмдар, утурумдуулук.
Кыргыз аначылары менен эмчилери төрөп жаткан аялды эч качан жалгыз калтырышкан эмес. Төрөп жаткан аялды бир эле аначы тейлеген. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки алгачкы мезгилде аначы колдоолорду көрсөтүп, эне менен баланын ден соолугуна көз салган.
Жогоруда айтылгандай, кыргыздарда баланын төрөлүшү үй-бүлө үчүн зор кубаныч катары кабыл алынып, аялга бакыт тартуулаган да, аначы менен эмчи жалпы эл тарабынан сый-урматка бөлөнүп, аларга «киндик эне» («экинчи эне») деп аталган ардактуу наам ыйгарылган. Киндик эне төрөлгөн баланын киндигин кескен аял. Курч устара менен баланын киндигин так түбүнөн кесип, ага кийиз күйгүзүп басышкан. Кескен аялды «киндик эне» деп аташып, экинчи эне катары эсептелген. «Манас» эпосунда Манас төрөлгөндө анын киндигин Дамбылданын аялы Канымжан кесет. Ал Сагынбай Орозбаковдун вариантында төмөнкүчө айтылат:
Антаңдабай катындар, Аныктап көрчү капырлар?
Жерден алгын тез деди,
Дамбылданын зайыбы Киндигин өзүң кес деди
[Орозбаков С. Манас. – Т. 1. 77].
Кыргыз элинде да дени-карды соо болгон бир нече балдарды, айрыкча, уул балдарды төрөгөн энелер урмат-сыйга бөлөнгөн. Төрөбөгөн аялды, тескерисинче, «согончогу канабаган» аялдар деп аташкан. Алар өмүрүнүн аягына чейин «келинжан» аталып, «туубас», «куу баш» катары кекээрлүү айыпталган.
Төрөбөгөн аялга өзбектер да ушундай эле терс мамиле кыларын изилдөөчү ага-ини Наливкиндер мындай сыпатташат: «Туубас» сөзү «ыпылас» («поганая») сөзүнө тең маанилеш» [152:169–170]. Ошол себептен, төрөбөгөн аял өзүн дүйнөдөгү эң бактысыз жана шордуу жан деп эсептеген.
Аялга бойдон алдырууга анын өз энеси, же жакын туугандардын бири жардам берген. Ошондой болсо да эреже катары, кош бойлуу аялга жасалма жол менен алдыруу максатында, айрым учурларда эмчилер менен катар эле аначылар да жардамга чакырылган. Жасалма бойдон алдыруу дайыма өтө жашыруун түрдө жасалган.
Кыргыз аначыларына белгилүү болгон бойдон жасалма түрдө алдыруунун ыкмаларына, ири алдыда, «оңко коюу» ыкмасын киргизүүгө болот. Бул ыкма боюнча кош бойлуу аялдын курсагына оңко (банка) коюлган. Эреже катары, көпчүлүк учурда, оңконун ордуна мойну ичке, ортонку бөлүгү бир аз жазы, түбү андан да жазы келген карапа колдонулган. Мындай карапанын көлөмү 3–4 литрди түзгөн да, ал кадыресе медициналык оңколор сыяктуу жол менен коюлган. Карапа коюуда ага түйүлдүк менен жатын толук бойдон баткыдай максат көздөлгөн. Мындай аракеттин учурунда түйүлдүк зыянга учурап, же ал ордунан козголуп, натыйжада бойдон түшөт деп боолголонгон [159: 203].
Айрым кыргыз аначысынын пикири боюнча жогорудагыдай максатка түйүлдүккө колдун күчү аркылуу таасир берүүнүн башка ыкмасы менен да жетүүгө болот. Кош бойлуу аялдын курсагын алдын ала койдун майы менен майлап коюп, андан курсакты кол менен эзип, бут менен басуу керек. Мындай кыйноо эки аял тарабынан жасалган. Бул боюнда бар аялдын өз ыктыяры менен болуп жаткандыктан, жан соогалаганына карабастан, бойдон алдыруу аракети 2–3 саатка созулган.
Бойдон жасалма алдыруунун кийинки ыкмасы да өзгөчө ырайымсыз мүнөздө болгон. Кош бойлуу аял көкүрөгү аркылуу колтугунан өткөрүлгөн аркан менен боз үйдүн түндүгүнө асылган. Башка аял аны колу менен артынан кучактап, өз салмагынын жардамы аркасында түйүлдүктү ордунан жылдыруу максатында кош бойлуу аялга жармашып, аны ылдый карай тарткан. Көпчүлүк учурда асылган аялды төмөн карай эки аял тарткан. Бул ыкма 5–6 айлык түйүлдүктү бойдон түшүрүү максатында жасалган.
XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында кыргыз аялдардын түшүнүгү боюнча бойдон түшүрүү үчүн талаа чычканынын этин жеп, шорпосун ичүү жетиштүү. Чычкандын этин кайнатардан мурда анын ичеги-карды алынып салынган, башы, куйругу жана буттары кесилип ыргытылган. Чычкандын этин жеп, шорпосун ичип жаткан аял бул ишти аң-сезимдүү түрдө жасоосу абзел. Анткени кыргыз аялдардын пикиринде, сөз болуп жаткан «тамакты» ичкенден соң аялдын жүрөгү айнып, кусуусу керек. Мындай радикалдуу каражаттын таасири астында кийинки күнү аялдын боюнан түшүп калат. Эгерде биринчи аракет каалагандай натыйжа бербесе, анда бул ыкма бир күндөн кийин 3 жолу кайталанып жасалган. 3 кайталанган аракеттер да натыйжасыз болсо, анда бойдон түшүрүү аракеттери пайдасыз деп табылган. Кыргыз аначыларынын пикири боюнча бойдон түшүрүү аракетинде чычкандын эти менен шорпосу эмес, алардын таасири астында пайда болгон көңүл айнуу жана кусуу процесстери эффективдүү деп эсептелинген. Айтсак, чычкандын эти менен шорпосун ооз тийбесе да, анын жыты менен түрүнөн эле аялдын көңүлү айнып, катуу кускан да, боюнан түшүп калган [159: 217–219].
Дарыгерлердин дагы бир тобу кан алуучулар болгон [8: 217]. Кан алуу кыргыз табыптарында кеңири таралган. Кан алууну табып «канчы» деп аталган. Канчы мыкты тамырчы да болгон. Себеби кан алууда кандын басымы түшүп кетүү коркунучу болгон. Канчылар көбүнчө кан басымы көтөрүлгөндө, жүрөктүн кээ бир ооруларын, айрыкча муун, тышкы шишик, тери ооруларын дарылашкан. Кан басымы жогору оорулардан канды так төбөдөн чачты кырып туруп, эки кулактын артынан, эки чыканактын бүктөмүнөн, ал эми көз ооруларында кара куштан; кызыл жүгүрүктө – колдордун артериясынан алышкан. Канчылар сүлүк курттарды да колдонушкан. Аларды түрдүү тери, муун ооруларына колдонушкан. Сүлүктү эреже катары, жазында бака чардаганын токтотконго чейин колдонушкан. Күчтүү канчылар сыркоону кан алганга чейин же кан алгандан кийин канды тазалоо үчүн ар кандай мүнөз тамактарга олтургузушкан. Көбүнчөсү дандан, талкандан, ундан жасалган суюк азыктарды беришкен.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун эмпирикалык жана рационалдуу багытынын негизги өкүлдөрү катары табып менен аначы саналат. «Манас» эпосунда эпикалык душман тарабынан ууланган башкы баатырды жана кыйналып, кордолуп жазаланган оң каарманды элдик медицинанын ыкмалары менен дарылоочу дарыгер да табып деп аталган.
Карт тарыхка ээ уюткулуу эл болуп саналган кыргыздардын табыптар менен аначылардан турган элдик салттуу дарылоосу көп сандаган кылымдар бою эмпирикалык жол менен ар кыл дарттарга дабаа боло алган эффективдүү жана шыпаалуу каражаттарды ойлоп чыгышкан жана аларды туура колдоно билишкен.
«Манас» эпосунда кыргыз элинин тамырчы табып, сыныкчы табып жана жалпы табып деген аталышка конгон табыптары колдонгон элдик медицинанын көп түрдүү ыкмалары жөнүндө айтылат, алардын ичинде, өсүмдүктөрдөн даярдалган дарылар, минералдар, айбанаттардын этинен, ички органдарынан жасалган ж.б. дары-дармектер; элдик хирургиялык аспаптар (аштар, тинтүүр), ар кандай хирургиялык ыкмалар кеңири пайдаланылгандыгы баяндалат.
Азыркы медиктер сыяктуу эле XIX кылымдын аягы – XX башында кыргыз аначылары менен эмчилери төрөп жаткан аялды эч качан жалгыз калтырбоо керек экендигин жакшы түшүнүшкөн. Негизи төрөп жаткан аялды бир эле аначы тейлеген. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки алгачкы мезгилдерде аначы аялга бардык жактан колдоолорду көрсөтүп, эне менен баланын ден соолугуна көз салган, алардын организминде болуп жаткан физиологиялык процесстерди жөнгө салган, негизсиз делген ар кыл кийлигишүүлөргө бөгөт болгон, аялдын тигил же бул чечимдерди кабыл алуусуна көмөк берген, ден соолукка тескери таасирин берүүчү нерселердин алдын алган, эгер ошондой терс жагдайлар түзүлүп калса, алардан арылууга аракеттерди жасаган, эне менен балага колдон келген камкордугун кылган.
Эне болуу аялдын улуу бакыты болуп саналгандыктан, мыйзамдуу күйөөсү бар үй-бүлөлүү кыргыз аялы эч качан жасалма түрдө боюнан алдырган эмес. Ал тургай, күйөөсү жок аялдар да боюнан сейрек алдырышкан. Ушуга байланыштуу кыргыздардын элдик салттуу дарылоосуна бойдон жасалма түрдө алдыруунун чектелүү гана каражаттары менен ыкмалары белгилүү болгон.
XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында кыргыз аялдары түйүлдүктү 3–4 айга жеткирбей эле жасалма түрдө бойдон алдырышкан. Боюнан алдырууну чечкен аял жасалма алдырууну көп учурда өзү жасаган. Күйөөсү жок аял балалуу болуп калса, аны коомчулук өзгөчө катуу мүнөздө айыптаган эмес. Бирок аялдын жасалма түрдө боюнан алдыргандыгы белгилүү болуп калса, ал эч качан сый-урматка ээ болбой, башын көтөрө албай жүрүп, дүйнөдөн өткөн.
Кыргыздардын салттуу дарыгерлеринин арасында кан алуучулар болгондугу белгилүү. Ал ыкманы бардык эле табыптар колдоно берген эмес. Билген адам гана кан алууну жасаган. Алар өзгөчө муун, баш, минингит ооруларын кан чыгаруу аркылуу дарылашкан.
2.1. Элдик салттуу дарылоодо колдонулган негизги дары-дармектер
Өсүмдүктөрдөн алынган дары-дармектер. Байыркы дүйнөнүн элдери тарабынан дары-дармек катары 21 миңден ашуун өсүмдүктөр пайдаланылганы аныкталган [ 58:528, 160: 294, 161]. Адамзаттын өнүгүүсүнүн эң алгачкы этаптарында эле өсүмдүктөр адамдар үчүн азык зат булагы гана эмес, аларды ар кандай дарттар менен оору-сыркоолордон арылууга жардам берген дары-дармек ирээтинде да кеңири колдонулган [5:240, 11:292, 12: 76, 16: 144, 20:340, 27:272, 26:34–37, 51:48, 54:389]. Биздин күндөргө чейин келип жеткен эң байыркы медициналык эмгек болуп шумердик шаарды казуу учурунда табылган
б.з.ч. III м. ж.таандык тактача саналат. Андагы 145 саптан турган маалыматта шумер тилинде 15 рецепт жазылган. Андан байыркы Шумердин эмчилери, жалпы жонунан, сары кычы (горчица), пихта, кызыл карагай (сосна) өңдүү өсүмдүктөрдү, кара өрүк (слива), алмурут, анжыр (фига), мажүрүм тал (ива) өңдүү бак-дарактардын мөмөлөрү менен жалбырактарын дары-дармек ирээтинде колдонгонун билсе болот.
Шумерлердин маданияты менен билимдерин вавилондуктар мурастап калган да, дары-дармек катары кызыл мыянын тамырын, дурман (уу өсүмдүктүн бир түрү) чөбүн, меңдубананы, зыгырдын уругун ж.б. өсүмдүктөрүн пайдалана башташкан. Вавилондуктар күндүн нурлары өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттерине тескери таасирин тийгизерин байкашкан да, аларды көлөкө жерге кургатышкан. Ал тургай, айрым өсүмдүктөрдү түн ичинде чогултушкан.
Адабий булактар б.з.ч. 3000 жыл мурдагы мезгилде эле Байыркы Ассирияда, Египетте, Индияда, Кытайда, Тибетте, ал эми б.з. баш ченинде Иранда, Греция менен Римде; орто кылымдарда болсо араб мамлекеттеринде, Орто Азияда, Грузияда, Арменияда, европалык өлкөлөрдө дары-дармек өсүмдүктөрүн кеңири пайдаланышканын күбөлөйт.
Кыргыздардын салттуу дарыгерчилигинде жалбыз, сарындыз, бака жалбырак, эрмен, шыбак, сары жыгач, меңдубана, уу коргошун, бүлдүркөн, мажүрүм тал, төө уйгак, көк нар, арча, карагат, кызыл мыя, чекенди, сарымсак, көкбаш, ит мурун ж.б.у.с. көп сандаган шыпаалуу өсүмдүктөр кеңири пайдаланылган [8:194, 11: 54–152.].
Ошондой эле элдик табыптар белгилегендей, «кыргыздар медициналык практикасында кызыл мыянын тамырын кеңири пайдаланышат, уу коргошунду сыйпоо аркылуу шишиктерди айыктырышат, аны ичирүү менен ар кыл дарттарды дарылашат» [8: 214]. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосуна тукумсуздукту дарылоонун айрым эмпирикалык ыкмалары белгилүү болгон. Мисалы, төрөбөс аялдарды кыргыз табыптары уу коргошундун (аконит каракольский) жана ак кодолдун (аконит круглолистный) тундурмасы (настой) менен дарылашкан. [159: 225–226].
Эмчек шишүүдө, же эмчек булакта (грудница) деп аталган оорулары аялдарда кеңири кездешкен. Бул ооруну дарылоонун көп сандаган ыкмалары менен каражаттары белгилүү болгон. Оорулуу эмчекти мамырдын (эдельвейс) коюу кайнатмасы менен жууп туруу да пайдалуу деп эсептелген. Бул кайнатмага төөнүн жүнүн малып алып, оорулуу эмчекке аны 7 күн аралыгында күн сайын жаап коюшкан, тартып туруу сунуш кылынган.
Дары-дармектерди табыптар, эмчилер өздөрү даярдаган. XIX кылымдан Кашкардан жер оодарып келип, Орто Азияга отурукташып калган дунгандар дары-дармек даярдоо ишине жигердүү аралашкан. В. Вышпольскийдин маалыматы боюнча «соодагер таасир көрсөтүү ыкмасы гана эмес, аталышы да орус дарыгерлерине таптакыр тааныш эмес дары-дармек чөптөрү, өсүмдүктөрдүн шыпаалуу кабыктары, уруктары, тамырлары жана гүлдөрү кездешкен» [51: 113–171].
Ташкенттеги аскер госпиталынын аптекары Р. Палым 1871-жылы аскердик-медициналык журналга Түркстан крайында кездешкен жана расмий медицина тарабынан колдонууга сунуш этилген дары-дармек өсүмдүктөрүнүн тизмесин жарыялаган. Ошол кездеги европалык медицинага белгилүү болгон бадам (миндаль), ромашка, жалбыз (мята), эрмен, шыбак (полынь), кене күнжүт (клещевина), ышкын (ревень), тегерек баш чөп (тысячелистник), ятрышник, крушина ж.б. өсүмдүктөрдөн сырткары Р.Палым Европа мамлекеттеринин фармакопеясына кирбеген, бирок кыргыздар, өзбектер, казактар ж.б. Орто Азия элдери тарабынан дарылоо максатында кеңири колдонулуп келген шыпаалуу өсүмдүктөрдүн 102 түрүн атаган [229: 14.]. Бул өсүмдүктөрдүн айрымдары Орто Азияга Чыгыштын башка мамлекеттеринен ташылып келинген.
Б. А. Федченко тикелей байкоо жүргүзүү ыкмасы аркылуу жергиликтүү калк тарабынан колдонулган дарыдармек өсүмдүктөрүнүн 35 түрүнүн ичинен айрымдар европалык медицинада да пайдаланарын аныктаган [230:14].
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда да ар кандай өсүмдүктөр, көбүнчө чөптөр дары катары колдонулуп келгендиги белгилүү. «Манас» эпосунда алардын айрымдарынын аттары эскерилип кетет. Мисалга айтсак, мээр чөп организмге жагымдуу жана жыттуу дары чөп экендиги айтылат.
Эпосто чар дары деген да чөптөрдөн жасалган дары кездешет. Чар дары бир нече дары чөптүн кайнатмасынан жасалган. Ошондой эле дары болчу 4–5 бөлөк тамырларды майда ийлеп аралаштырып, чар дары жасашкан.
Эпосто апийим тууралуу да кабар бар. Мисалы, 1495жылы Сейф ад-дин Ахсыкенди тарабынан жазылган «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») деген эмгекте Манаска уу берип, ал эс-учун билбей өлгөнү жатканда, ага уунун күчүн тарата турган дарыны беришет. Ал дарыны Сейид Жалал ад-Дин аттуу адам «Манастын оозуна бир күндө бир тамчыдан куюп отуруп, 10 күн дегенде Манас көзүн ачат» [198: 126, 119: 65]. Эмгекти орусчага которгон В. А. Ромодиндин түшүндүрмөсүндө ал дары илимдин тилинде тирьяк деп аталат да, төмөнкүдөй эки маанини билгизет: уунун күчүн тарта турган дары жана апийим.
Сагынбай Орозбаковдун вариантында ийсең, жуушаң аттуу дары чөптөрдүн аттары кездешет. «Манас» эпосунда ийсең, жуушаң дары чөбү тууралуу төмөнкүдөй берилет:
Ийсең, жуушаң чөбү бар, Издегендин көбү бар.
Орол тоонун учу бар,
Ойлонсоң, сонун ушулар [167: 435].
Жуушаң кыргыз тилине иран тилдеринен кирген сөз. Эрмендин бир түрү болуп саналып, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда кеңири колдонулган.
Элдик медицинада өсүмдүктөрдөн алынган каражаттарды колдонуу чөйрөсү бир кыйла эле кеңири. Кыргыз эмчилери менен табыптары дары өсүмдүктөрүнө кайрылбастан туруп дарылаган оору-сыркоо менен илдет-дарттардын саны анча деле көп эмес. Дары чөптөрү менен өсүмдүктөрү, айрыкча, ашказан, ичеги-карын, тери, нерв ооруларын, суук тийип калууну, жүрөктүн ишмердүүлү гүн нормалдаштырууда, кызыл жүгүрүктү (ревматизмди), кургак учукту (туберкулезду), сарыкты (желтуха) дарылоодо өтө кеңири колдонулган. Мисалы, И.В. Выходцевдин маалыматы боюнча кыргыздар кычыткыны (чесотка) дарылоодо карандыз, же сарындыз (девясил) чөбүн байыртан эле колдонуп келген. Бул максатта алар аталган чөптүн кайнатмасы менен оорулуунун денесиндеги жараттарды жуушкан [47: 72].
Ф. Поярков белгилегендей, кыргыздар чайды суук тийген учурларда жана баш катуу ооруганда дары катары пайдаланганын жазат. Малярия учурунда оорулууга кекиренин (горчак), көк чөптүн (душица) жана пияздын (лук) кайнатмасын (отвар) беришкен [185:21–43, 184: 42].
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда өтө арбын колдонулган фитотерапевтикалык ыкма катары ысык сууга бир же айрым учурда бир нече өсүмдүктөрдүн жалбырагын, сабагын же тамырын кайнатуу жолу менен жасалган кайнатмалар менен тундурмаларды атоого болот.
Дары-дармек даярдоодо чийки затты (сырьену) иштеп чыгуунун ар кыл ыкмалары колдонулган. Мисалы, жалбырактар менен чөптөрдөн жасалган кайнатмаларды оозу бекем жабылып, жыгачтан, чоподон, же малдын терисинен жасалган идиштерге сакташкан. Майдаланган, айрым учурда жанчылган өсүмдүктөрдү сүткө же сууга кайнатышкан. Дары чөптөрүн жөн, же бал кошуу аркылуу сууга тундурушкан.
Дары-дармек каражаттарынын ичинен маанилүү роль шыпаалуу өсүмдүктөргө таандык болгондуктан, аларды чогултуу ишине карата да белгилүү бир талаптар болгон. Эмчи-табыптардын пикиринде, дарылык касиетке ээ чийки затты чогултуу, эреже катары, жылдын белгилүү бир мезгилинде, өсүмдүктөрдүн активдүүлүгү анча жогору болбогон убакта жүргүзүлүүгө тийиш. Негизинен, дары чөптөрдүн басымдуу бөлүгүн даярдап алуу алар гүлдөп жаткан жаз мезгилинде, ал эми алардын уруктарынан дары даярдоо алар бышып жетилген күз мезгилинде ишке ашырылган. Демейде, дары өсүмдүктөрдүн тамырларын алардын жер алдындагы бөлүктөрү «тынч» абалга өткөн учурда, б.а., кыш мезгилде чогултушат. Н. Кушакович «кыргыз эмчитабыптары шыпаалуу өсүмдүктөрдүн тамырын кеч күздө чогултуп, аны эреже катары, бышык кездемеден, же булгаарыдан жасалган капчаларга салып, кургак, күн тийбеген жерге сакташат. Кайнатмалар менен тундурмаларды даярдоодо шыпаалуу өсүмдүктүн тамырын 4–5 жолу колдонушат; кайнатмадан же тундурмадан сүзүлүп алынган тамырды булак суусуна 1–2 саатка салып, андан соң аны кургатышат. Дары өсүмдүктөрүнүн жалбырактары менен сабактарын алар гүлдөп жаткан учурда чогултушат да, шамалдан далдаа жерге кургатышат. Ныктоо жолу менен кургатылган жалбырактар менен сабактар өзгөчө бааланат. Ныктагыч катары жалпак оор нерсе пайдаланылат. Дары жасоодо мөмө-жемиштер, жалбырактар, шыпаалуу өсүмдүктөр бир гана жолу колдонулат. Кайнатма даярдоо үчүн дары өсүмдүктөрүнүн тамырлары, жалбырактары, сабактары салынган казанга ысык сууну толтура куюп, бир эле кашык кайнатма калмайынча кайната беришет. Тундурма муздатылган кайнак сууга даярдалган» [228: 15–16], – деп жазат.
Демек, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда дары чөптөрүн чогултуп жаткан мезгилде жыл мезгилдери гана эмес, топурак, нымдуулук, күндүн жарыгы ж.б. алар өсүп жаткан шарттар да эске алынган. Чогултулган чийки заттарды көлөкөдө кургатып, кургак жерге сакташкан.
Жаныбарлардан алган дары-дармектер. Дүйнө элдеринин медицинасында бугу, короз, чочко, маймыл, бука жана жолборс сымал жаныбарлардын жыныс органдары адамдын сексуалдык күчүн калыбына келтирүү менен потенциясын көтөрүү үчүн кеңири пайдаланылган. Мындан сырткары, адамдын сексуалдык сезимдерин козгоочу каражат катары жаныбарлардын тамак-ашка колдонулбаган органдары, мисалы, мүйүзү, сөөктөрү, майы, ал тургай, каны, бездеринен сорулуп алынган суюктуктар ж.б. дарылык касиетке ээ делинген [102: 190].
Жаныбарлардан алынган дары-дармектерге кумурска, чымын, таракан, жылан, кескелдирик, бака ж.б. жердесууда жашоочулар менен курт-кумурскалардан даярдалган каражаттар да кирет. Орто кылымга таандык рецептке ылайык, кургатылган кара кумурскаларды зыгыр майы на аралаштырып, жыныстык алсыздыгын дарылашкан. Араб жана скандинавиялык өлкөлөрдө жыныстык кубаттуулукту калыбына келтирүү ишинде шпандык чымын деп аталган афродизиак менен кескелдириктер өзгөчө бааланган. Эреже катары, кургатылган кескелдириктен даярдалган күкүмдү ак шарапка кошуп беришкен. Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттеринде кобра жыланынын эти сүйүү кумарын ойготуучу каражат катары өзгөчө жогору бааланган [102:190].
Ош шаарынын жашоочусу, черик уруусунан чыккан Акжолов Орозбектин маалыматы боюнча табыптар бугунун мүйүзүн жанчып, анын күкүмүн (порошок) чексиз мөөнөткө жана чексиз өлчөмдө ичүүнү талап кылышкан [АТМ. Ош шаары, 2006:3]. Аталган ооруну дарылоодо уу коргошундун тамырынан (аконит иссык-кульский) жасалган кайнатма (отвар) да өтө пайдалуу деп эсептелинген.
Ымыркай балдардын шилекейи токтобой агып, ооз көңдөйүнүн ичинин сезгенишин кыргыз табыптары «оосул» деп аташкан. Алар бул илдетти баланын ар кыл кир, ыплас нерселерди оозуна сала берүүсү менен түшүндүрүшкөн. Мындай дарттан алыс болуу максатында табыптар баланын оозуна кир нерселерди салуудан абайлоого чакырган. Илдеттүү баланын ооз көңдөйүнө себилген бир катар шыпаалуу дарылар (күкүм түрүндө) да болгон. Мисалы, айрым күкүм түрүндөгү дарылар бакадан жасалган. Бака өлтүрүлүп, кылдаттык менен кургатылган да, майда күкүмгө айланганга чейин жанчылган. Мындай күкүм баланын ооз көңдөйүнүн ичине себилген. Бул максатта күкүм кагазга салынып, илдеттүү баланын ачылып турган оозуна алынып келинген да, табып тарабынан ооз көңдөйүнүн ичине үйлөтүлгөн. Ушундай эле күкүм эркек куландын (косуля) мүйүзү менен төө уйгактан (лопух) да даярдалган. Көп учурда мындай күкүмдөр күйгүзүлгөн жез көпөрөсү (көк таш) менен алмаштырылган. Айрым табыптар аталган күкүмдүн ордуна кундуздун (выдра) сыйрылган терисин күйгүзгөндөн алынган күлдү пайдаланууну сунуш кылышкан. Мындай кымбат баалуу терини өрттөөгө карата кыргыз табыптары бир топ үнөмдөөлөргө барып, теринин бардыгы эмес, анын зарыл болуп саналган анча чоң эмес бөлүгү гана өрттөлгөн.
XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында балдардын арасында кеңири тараган илдеттердин катарына «булак эн» («золотуха») деп аталган оору да кирген. Кыргыздар менен казактардын оору-сыркоосу жана илдеттери тууралуу Н. Зеланд мындай деп жазган: «Балдардын арасында булак эн (золотуха) салыштырмалуу сейрек кездешет. Мындай оорудан жапа чеккен балдардын басымдуу көпчүлүгү тукум кууган түр өзгөрткөн формасы менен оорушат» [72: 38]. Эмчилер да булак эн деп көп учурда ички сифилисти түшүнүшкөн. Өтө тажрыйбалуу табып гана булак энди котон жара менен «ооруган киши» кулагынан аккан суюктуктан айырмалай алган. Мындай табыптардын сөздөрү боюнча, булак энден айырмаланып, котон жаранын кулагынан суюктук агып тим болбостон, анын моюну менен богогундагы бездер чочуп, шишип кетет.
Тажрыйбалуу табыптын пикири боюнча булак энди жылкы, аюу, каз, ак кажыр сыяктуу айбанаттардын ич майы менен дарылоо зарыл. Аталган айбанаттардын катарына каздын кирип калышы кыргыздардын орустар менен алакалашуусунун натыйжасында пайда болгон соңку тарыхка таандык кубулуш болсо керек. Белгилүү болгондой, кыргыздар орус букаралыгын кабыл алганга чейин каз багышкан эмес. Ошондой эле кыргыздарга коңшулаш жайгашкан Борбордук Азиянын башка элдерине да каз кеңири тараган куш болуп саналган эмес. Жогоруда аталган жаныбарлардын ич майы анча чоң эмес дозаларда булак эн менен ооруган баланын кулагына, же жаратына күн сайын куюлуп турган. Мындай дарылоо илдет өтүп кетмейинче жасалып турган. Ушул эле ич майды кулактын, же жараттын сыртына да сыйпашкан. Булак энди дарылоодо улардын өтү да пайдаланылган. Жогоруда аталган ич майлардын жардамы аркасында оорулуу кулак күкүрттөн (сера) да тазаланылган. Ал үчүн аталган ич майлардын бирөөсү оорулуу кулакка куюлуп, бир сааттан соң ошол эле ич май табып тарабынан кандайдыр бир өсүмдүктүн түтүк сымал көңдөй сабагынын жардамы аркасында сордурулуп алынган. Мындай аракет күн са йын кайталанып, булак энди дарылоонун эң натыйжалуу каражаты деп эсептелинген. Айрым учурда оорулуу кулакка койдун кулагынан алынган канды куюшкан, ошол кан менен кулакты жуушкан. Бул кой илдеттүү баланын энесинин уруусуна таандык туугандардын бирөөсүнүкү болуусу шарт болгон.
Кээде кулактын ичине жаныбардын майын, же канын куюу алдын ала жогоруда аты аталган айбанаттардын ич майына чыланган кара койдун жүнүн кулакка тыгып коюу менен алмаштырылган. Бул жүндү күн сайын жаңылап майлап, кулакка тыгын катары пайдаланышкан.
ХIХ кылымдын аягы – XX кылымдын башында кыргыз балдарынын арасында итий оорусу (рахит) да кездешкен. Кыргыз табыптары аталган оорунун себептерин билишкен эмес. Алар итий оорусуна чалдыккан баланын абалын анын чокусунун абалы аркылуу аныкташкан. Табыптардын пикиринде итий менен ооруган баланын чокусу жумшарып, баш сөөктүн деңгээлинен төмөн түшүп кеткен оюк пайда болот. Мындан сырткары, оорулуу баланын сүт тиштери кеч чыгып, физикалык өнүгүүсү боюнча бала алсыз жана чабал болот.
Итийдин дарылоонун каражаттарынын дээрлик жок болушу аталган оорунун сейрек кездешүүсү менен түшүндүрүүгө болот. Итийдин дарысы катары түлкүнүн өтү аталган. Мында ургаачы түлкүнүн өтү итий болуп ооруган эркек баланы, ал эми эркек түлкүнүн өтү кыз баланы дарылоодо колдонулган. Дарылоонун алгачкы үч күнү илдеттүү балага күн сайын бирден өт ичиришкен. Кийинки күндөрү бул өт менен оорулуу баланын оозу гана чайкалган. Оозду чайкоо процесси бала толук сакайып кетмейинче, күн сайын аткарыла берген.
Эмчек шишүүнү, же эмчек булакты (грудница) да түлкүнүн өтү менен дарылашкан. Өттү эмчектин ылдый, денеге жакын жайгашкан тарабына сыйпашкан. Мындан сырткары, өттү кадимки суу менен аралаштырып, андан соң оорулуу эмчекти жууп коюу сунуш кылынган. Жогоруда аталган 2 аракетти тең бир күндө чогуу, күн сайын жана 3 күн аралыгында жасоо талап кылынган.
Жаныбарлардан алынган дары-дармектер Чыгыш, Африка, Түштүк Америка өлкөлөрүнүн, Индиянын, ошондой эле кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда кеңири пайдаланылат. Мисалы, «Манас» эпосунун саптары жаныбарлардын этинен жана ички органдарынан даярдалган дарылар тууралуу да баяндама берет. Бир эпизоддо Манас жарадар болот. Ошондо Каракожо деген адам күнүгө кийиктин баласын алып келип, анын этин бышырып, бал менен кошо берип жатып Манасты сакайтат [119: 65]. «Мажму ат-таварихте» эт, бал, арак, бал дары катары колдонулганы сүрөттөлөт. В.В. Радлов жазып алган вариант боюнча кашкулак өтү, арак, бал дары катары колдонула тургандыгы айтылат. Ал эми «Манаста» кашкулак өтү менен бирге кажырдын өтү да элдик медицинада колдонулуп келгени эскертилет:
Кажырдын өтү барбы деп,
Чуулганы андан көп,
Кумия дары момия,
Бар бекен деп кошундан
Сурап жүргөн андан көп [167:77–78].
Мында кажырдын өтү менен бирге момия жөнүндө да айтылат. Бир катар окумуштуулар мумияны жапайы аарынын балынын курамына кирген катары баалап, аны «мумие асиль», же «мумийон, мумийа» деп аташат [12:76, 229: 47, 230: 20]. Эпостон көрүнүп тургандай, бул шыпаалуу каражат улутубуздун, дегеле Орто Азия чөлкөмүнүн элдик салттуу дарылоосунда тээ байыртадан эле пайдаланылып келген. Мумиянын дарылык касиеттери тууралуу өз кезегинде Авиценна (Ибн Сина) да жазган.
Мумия Орто Азия тоолорунун деңиз деңгээлинен 2000–3000 метр бийиктикте жаткан үңкүрлөрүнөн табылган. Кескин жыттуу, чайыр сымал бул затка байыркы дарыгерлер көп сандаган шыпаалуу касиеттерди ыйгарып, «бальзам», «эликсир», «өлбөстүктүн дарысы» деген аталыштарга кондуруп келишкен. Бүгүнкү күндө да мумия расмий медицина тарабынан сыныктан кийин сөөктөрдү калыбына келтирүүнү тездетүү, ошондой эле башка көп сандаган ооруларды сакайтуу максатында ке ңири колдонулат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мумиянын келип чыгуусу табышмак бойдон кала берүүдө. Илимий адабиятта мумиянын теги тууралуу көп сандаган гипотезалар бар. Айрым изилдөөчүлөр мумиянын табиятын ар кыл түрдөгү микроорганизмдер менен байланыштырса, башкалары аны жапайы аарылардын балы, тыт жыгачынын (тутовник) ширеси (сок), арчанын ширеси, ал тургай ар кыл жаныбарлардын кыгы (экскременты) катары да карашат [12:76, 229: 47, 230: 20]. «Манаста» момия, же мумия жаныбарлардын, атап айтканда, жапайы аары эмес, чычкандын бир түрү бөлүп чыгарган затка кирет.
Мумиянын шыпаалуу касиеттери расмий медицина тарабынан да далилденип келүүдө. Айтсак, ХХ кылымдын 2-жарымында мумиянын дарылык касиеттерин илимий маанайда изилдөө иштери Ленинграддагы химия-фармацевтикалык институттун (ЛХФИ) фармакология жана дары-дармектердин аптекалык технологиясы кафедрасында, ошондой эле Москвадагы химия-фармацевтикалык институтта (ХФИ), Ташкент, Душанбе, Самарканд шаарларынын илимий мекемелеринде жүргүзүлө баштаган.
Илимий адабиятта Кыргызстандын аймагында жаныбарлардан алынган дары-дармектер катарына жыландын уусу, кымыз, аарынын балы жана аарынын уусу киргизилет.
Кымыз – көбүнчө бээ сүтүнөн ачытып жасалган кычкыл суусундук. Кымызды малчылык менен күн көргөн көчмөн элдер ойлоп тапкан [12: 76].
Алтайлыктар, башкырт, бурят, казак, калмак, кара калпак, кыргыз сыяктуу мурунку көчмөн элдерде кымыз жасоо эзелтеден эле белгилүү. Кымыз сабага (мисалы, кыргызда) жана челекке (мисалы, башкыртта) ачытылган. Кымыз ачытуу жолу көп элдерде бирдей, же окшош. Жаз маалында, б.а., бээлер жаңыдан тууганда саалган чийки сүт адегенде кор, же үрп деп аталган ачыткынын (идиштеги кымыздын түбүнө чөккөн коюусунун сүзүп жана кургатылып алынганы) жардамы менен кымызга айланат, андан кийин ачыткынын милдетин көрөңгө аткарат.
Сабадагы көрөңгөнүн үстүнө улам-улам (1–1,5 саат сайын) саап келген сүт бир аз муздатылган абалда куюла берет, сүт кошулган сайын сабадагы көрөңгө аралаш сүт бишкек менен далайга бышылат, эң соңку саалган сүт эл жатаарда куюлуп, аябай бышылат да, андан кийин саба жылуу жабылат.
Кыргыздардын салттуу дарыгерчилигинде кымыз ар түрдүү ооруларды дарылоо ишинде кеңири пайдаланылып келген. Кымыздын дарылык касиети илимий жактан изилденип, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кеңири колдонулууда. Кымыздын курамында адамдын ден соолугуна эң керектүү заттар көп, ошондой эле 1–2% спирт бар. Технологиясы туура сакталуу менен жасалган кымызда 2–2,5% белок, 1–2% май, 3,5 % кант, 1 кг да 100–200 мг С витамини, ошондой эле А жана В витаминдеринин топтору болот. Бээ сүтүндө түрлүү тоют чөптөрдөгү пайдалуу заттардын бузулбай сакталып калышы кымызды дарылык касиети бар жагымдуу суусундукка айландырат. Кымызды ачыткан микроорганизмдер сүт кислотасы, спирт, көмүр кычкыл газы ж. б. ачытуунун негизги өндүрмөлөрүн (продуктуларын) жаратат да, кымызда баалуу антибиотик заттарынын топтолушуна жардам берет [12: 74].
Кыргыздардын салттуу дарыгерчилигинде кымыз туберкулез, цинга, ашказан жана ичеги-карын оорулары, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алдан-күчтөн тайып, арыктап кетүү сыяктуу бир катар ооруларды дарылоо максатында сунуш кылынган. Ошол себептен белгилүү орус врачы В. И. Даль кымыздын дарылык касиеттери тууралуу мындай деп жазат: «Кыш бою арыктап, көздөрү чүңүрөйгөн көчмөн элдердин бет сөөктөрү чыккан жүздөрү жаздын алгачкы жумаларында өз тааныштарыңды тааныбай калганча ушунчалык өзгөрөт дейсиң… Узак мезгилге созулган орозо кармоолор менен кыш айларында адамды кескин түрдө арыктатып жиберген учурларда анын организмин калыбына келтирген каражат катары кымызды алмаштыра турган кандайдыр бир башка тамак-аштын, же азык заттын бар экенинен күмөн санайм» [66: 784].
Акыркы жылдары Башкортстан медициналык университети тарабынан жүргүзүлгөн биохимиялык жана клиникалык изилдөөлөр кымызды бир катар дарттарды айыктыруу ишинде колдонуу толук мүмкүн экендигин далилдөөдө. Жогоруда айтылгандай, бээнин сүтү белокторго, майларга, сүт кантына, кальций менен фосфор туздарына, микроэлементтерге, витаминдерге абдан бай. Кымыздын аш болумдуу касиеттерин, ири алдыда, бээ сүтүнүн курамы менен түшүндүрсө болот. Зат алмашуу процесстеринде өзгөчө мааниге ээ болгон сүт кантынын саны, ошондой эле белоктордун, майлардын жана витаминдердин мүнөзү боюнча бээ сүтү уйдун сүтүнө караганда эненин сүтүнө абдан окшош.
Ачышына жана курамындагы спирттин санына жараша кымыз күчтүү, орто жана саамал деп аталган үч түргө бөлүнөт. Эрте жазда, жаш бээнин сүтүнөн ачытылган ууз кымыздын сапаты жакшы болгондуктан, жагымдуу келип, дарылык касиети күчтүү. Кымыз жүрөк, кан тамыр, дем алуу жана нерв системаларын дүүлүктүрүп, кубаттандырат. Адамдын уйкусун келтирип, талыкшытат, кан басымы жогорулайт, жүрөктүн иштеши күчөйт, тамыр тез-тез кагат, ичеги-карындын сок бөлүп чыгаруусун күчөтөт, тамакка табитти ачат.
Кымыз менен дарылоо кургак учуктун бардык түрлөрү (өпкө, без, сөөк ж. б.), аз кандуулук, хлороздор, арыктоо, өнөкөт бронхит, итий, гастрит ж. б. ооруларда колдонулган. Мурунку СССРде кымыз менен дарылоо 40тан ашуун санаторийлерде жүргүзүлгөн. Алардын ичинен Кыргызстандагы Ысык-Көл, Казакстандагы Боровое, Башкортстандагы Шафраново ж. б. санаторийлери белгилүү болгон. Өтүшүп кеткен кургак учук, жүрөк, боор оорусу, бөйрөктүн өнөкөт нефрити, диабет, шал, нерв системасынын кээ бир ооруларын кымыз менен дарылоого болбойт. Кымызды чоң адамдар суткасына 1,5 л ге жакын (0,5 л ден үч маал), балдар 1 л ге чейин ичсе болот. Кымызды жеке өзүн эмес, башка тамактар (куурдак, куймак, жашылча ж. б.) менен ичсе, жакшы натыйжа берет.
Кымыздын түрлөрү бар. Мисалы, жеген чөбү аркылуу аныкталган өңү боюнча кызгылтым кымыз бул Арпа, АкСай өрөөндөрүндө жана Ысык-Көлдүн сырттары кирет. Агыш түстөгү кымыз Суусамыр, Көк-Ойрок жайлоолорунда кездешет. Бул кымыздын сапатына таасир эткен факторлор болуп алар жасоо ыкмаларынын туура сакталышы, көп бышылышы, ачытуу убакыты жана сабасынын өз маалында ышталып жана майланып турушу эсептелинет. Кээде сүтүнө жараша болот. Уй кымыз – уй, топоз сүтүнөн, төө кымыз – төө сүтүнөн, бал кымыз – байтал бээнин сүтүнөн, ууз кымыз эрте жазда, сөөк кымыз кеч күзгү, же кышкы, ыштама кымыз тердетүү үчүн жылытылган, саамал кымыз көрөңгөгө жаңы сүт азыраак кошулган, тунма кымыз бал, кант кошулган, же өтө чайкалган жана тоңдурма кымыз чаначка, же көөкөргө атайын тоңдурулган кымыздын түрлөрү болгон.
Бал – аары өсүмдүк нектарынан пайда кылуучу, же таттуу ширеден иштетип чыгуучу илээшме суюктук; баалуу азык. Бал таттуу, жыты жакшы, түсү тунук, саргыч, узак сакталат, бара-бара коюуланат. Балда 15 түрдүү органикалык кислота, фермент, 35дей минералдык зат, витамин болот. Анын курамында 80%тен ашык кургак зат жана 16–22%ке чейин суу, глюкоза, фруктоза, 2% сахароза, 3–4% декстрин, 0,3% белок заттары, фосфор жана туз кислоталары, калий, натрий, кальций, магний, темир, фосфор, бир аз марганец, коргошун, цинк бар [102: 190, 107: 79, 109:171].
Балдын сапаты коюулугу, даамы, жыты, өңү ж.б. боюнча аныкталат. Анын 35%ин глюкоза (жүзүм канты) түзөт. Ал адамдын организмине тез сиңет. Инвертаза ферментинин таасиринен нектар сахарозасы глюкоза менен фруктозага ажырайт. Фруктоза менен глюкоза аралашмасынын дарылык жана диеталык касиети бар. Анын химиялык курамы өсүмдүк түрүнө, климаттык шарттарга, иштетилишине байланыштуу болот. Жаңы бал суюгураак, курамындагы суу бууланган сайын, ал илешкек болуп коюуланат. Уюктагы бал жетилгенде, бал тарткычтарда жыйналып алынат.
Кыргыз элинин салттуу дарыгерчилигинде бал кенен пайдаланылгандыгы маалым. «Манас» эпосунда бал боюнча дарылык касиети бар жана жөн эле тамак катары колдонулган саргыч түстөгү коюу, ширелүү, таттуу азык болуп эсептелинген. Мисалы, «Мажму ат-таварих» боюнча Манас душман тарабынан ууланганда, уусун жандыра турган дары катары бал колдонулат. Ууланган Манас бир топ күн жатып калат. Каракожо аттуу адам Манаска күнүгө чаарчыктын этин бышырып, бал берип сакайтат. Балдын «Манас» эпосунун алгачкы версияларында кездешкени бул азыктын кыргыздарга бир топ кылым мурун эле белгилүү болгондугун көрсөтүп турат. В.В. Радлов жазып алган вариант боюнча бал кымыз менен да берилгени айтылат.
Байтал бээден бал кымыз Бал чайкатып алыңар!
Чыңгырлуу кесе чыны аяк
Чырмалтып аяк сунуңар! [125: 160-161].
Кумурска майы – кызыл жүгүрүктү дарылоо максатында кумурска майы сунуш кылынган. Бул майды даярдоо максатында идишке кумурскалар менен алардын личинкаларын толтуруп, андан соң идиштин оозун бекем тыгындап, идишти кайнатып күнгө таштап койгон. 10 күндөн соң шыпаалуу кайнатма даяр болгон да, аны оорулуу муундарга сүйкөшкөн [228:14].
Элдик медицинанын башка каражаттары сыяктуу эле жаныбарлардан алынган дары-дармектердин шыпаалуу касиеттери эмпирикалык жол аркылуу аныкталып, алардын адамга тийгизген таасири төмөнкүдөй эки түргө ажыратылган: пайдалуу (шыпаалуу) жана зыяндуу (уулуу) [163:272, 77: 80].
Мындай жөнөкөй классификация дары-дармектердин касиеттери менен сапаттарын андан ары изилдөө үчүн зор мааниге ээ болуп, аларды баш ооруга, чарчоого, «ич ооруга», жыныстык алсыздыкка, кан агууну токтотууга, нерв системасына шыпаа боло турган дары-дармектер катары айырмалоого мүмкүндүк берген.
Эгерде, мумия менен кымыз кыргыздардын элдик органотерапиясындагы пайдалуу, же шыпаалуу каражаттар болуп саналса, арак менен ууландыруучу каражаттарды зыяндуу мүнөздөгү органотерапия катары баалоого болот.
Арак – ачыган сүттөн, же кымыздан тартылган алкоголь ичимдиги. Бул түрдөгү ичимдиктерди түрк-моңгол элдери байыртан кеңири колдонуп келген. Ошондуктан, «Манас» эпосунда да арак жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, В. Радлов жазып алган «Манастын» вариантында «арагына бал кошуп, алтындан кылган аякка, ага куюп сунуңар» [127: 90] деген саптар кездешет.
Эпосто аракка көпчүлүк учурда зыяндуу ичимдик катары баа берилет. Арак душман тараптагы терс каармандардын сүйүктүү тамагы катары сүрөттөлөт. Оң каармандар аны ичкенде: «Арак деген аш ичтим балдар, Акылымды кошо ичтим балдар», – деп өзүн өзү күнөөлөйт. Ырасында, аракты ичүү менен оң каарман туура эмес жолго барат, адашат. Мисалы, Көкчө өзүнүн айланасындагы арам ойлуу бийлердин амал менен берген арагына мас болуп, Алмамбет менен чатакташып, аны айылынан кетирет. Көзкамандар Манаска арак берип мас кылып, ууландырып, бирок өлтүрө албай калышат. Кырк чоро Жакып берген аракка кызып, Каныкейге каршы аттанышат.
Табигый заттардан алынган дары-дармектер. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун калыптануусу менен өнүгүүсүндө эң башкы жана чечүүчү фактор болуп алардын өздүк тажрыйбасы саналса да, аталган процессте башка элдердин маданий таасири да күчтүү болгон. Мисалы, орус дарыгерлери аркылуу кыргыздардын элдик салттуу дарылоосуна XIX кылымдын аягындагы илимий медицинага мүнөздүү болгон бир катар маалыматтар сүңгүп кирген. Мисалы, ХХ кылымдын башында кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда йод (жод), сулема (көпөрөс), медный купорос (көк таш), аспирин (ак жод), сымап, туз кычкылы (ачуу таш), ляпис (кычкыл күмүш), хина (ачуу ак), сарсапариль (шыраалжын), нашатырь (ношотур), күкүрт ж.б., жалпы жонунан, Орусиядан, өзгөчө Казань шаарынан ташылып келинип, кыргыздар тарабынан сатылып алынган бул препараттар менен каражаттар дарылоо практикасында кеңири колдонулган. Алардын шыпаалуу касиеттери тууралуу маалыматтарды кыргыз эмчилери орус медиктери менен пикирлешүүдөн жана алакалашуудан улам алышкан. М. В. Борзовдун сөздөрү боюнча сифилисти (котон жараны) сымап менен дарылоо ыкмасын Орто Азиянын элдери, алардын ичинде, кыргыздар орто кылымдарда эле билишкен [33:126].
Мисалы, кычыткыны (чесотка) дарылоо үчүн шыпаалуу май кыргыз табыптары тарабынан төмөнкүдөй жол менен жасалган: бирдей өлчөмдөгү күкүрт (сера) менен сымап (ртуть) алынган да, алар эчкинин сүтүнө аралаштырылып, андан соң коюу ботко абалына келгенге чейин кайнатылган. Баш котуру (парша), же чач жыдып түшө баштаганда төмөнкү каражат сунушталган: майда тууралган куйрук май менен көк таш (медный купорос) өз ара аралаштырылып, бул аралашма бир жумага чейин көлөкө жерге сакталып, андан соң дарылоо максатында пайдаланыла баштаган [228: 15].
Минералдык дары-дармектер аялдар ооруларын дарылоодо кеңири колдонулган. Мисалы, эмчек шишүүдө, же эмчек булакта (грудница) өзүнүн шыпаалуу касиеттери боюнча түлкүнүн өтүнө нашатырдын эритмеси тең маанилеш деп табылган. Мындай минералдуу эритмени оорулуу эмчекке 3 күн, күнүнө 3 маал сыйпоо сунуш кылынган.
Кыргыз аялдары бойдон жасалма алдыруу максатында түйүлдүккө химиялык таасир берүүнүн айрым ыкмаларын да билишкен. Айтсак, бойдон алдыруу максатында алар дүрмөт дарысын (порох), адырашмандын эритмесин ичишкен. Дүрмөт дарысын суу жана кымыз менен жутушкан, ошондой эле аны азык-түлүккө кошуп жешкен. Эреже катары, бир атымга канча дүрмөт талап кылынса, боюнан алдырууну каалаган аял ошончо дүрмөт дарыны, б.а., бир чай кашык дарыны ичкен. Дүрмөт дарыны пайдалангандан соң, анын натыйжасын 3 күн аралыгында күтүшкөн. Эгерде бул мезгил ичинде бойдон түшүүнүн белгилери байкалбаса, анда аял мурункуга караганда эки эсе көп, б.а. 2 чай кашык дүрмөт дарысын ичүүгө аргасыз болгон. Эгер, экинчи аракет да натыйжасыз болсо, анда аял үчүнчү аракетин кылып, 3 чай кашык дүрмөт дарысын акыркы аракет катары ичкен. Үчүнчү аракет да бойдон түшүрүүгө алып келбесе, анда бул ыкма пайдасыз деп табылып, аборт жасоонун башка каражаттарына кайрылышкан. Мисалы, табыптар аялга адырашмандын коюу кайнатмасын чексиз өлчөмдө ичүүнү сунуш кылышкан. Бойдон түшүүнүн алгачкы белгилери адырашман ичкенден кийинки 3 же 4 күнү байкалган. Эгер бул мезгил аралыгында көрүлгөн аракет натыйжасыз болсо, анда аял кийинки жума бою адырашман ичүүнү уланта берген. Эгер бул учурда да ниет кылынган натыйжа ишке ашпаса, анда адырашмандын кайнатмасын ичүү токтотулган.
Бойдон түшүрүү кыргыз табыптары сымаптын буусун пайдаланышкан. Отко ысыган таштарга сымап чачылып, башын жылуу жуурканга орогон аял бетин бууга кактаган. Жагымсыз жыттан анын көңүлү айнып, кусуп, боюнан түшүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ушул эле ыкманы каалаган казак аялдары да колдонгон.
П.П. Иванов [76: 80] менен М. Е. Массондун [134: 90–98] маалыматтары боюнча Орто Азия чөлкөмүндө сымап байыркы замандарда эле өндүрүлсө да, акыркы кылымдарда бул аймакта сымапты казып алуу өтө кыскарып кеткен. Натыйжада, сымап алгач Индия менен Кытайдан, андан соң Орусиядан ташылып келинген. Орто Азия мамлекеттеринин Орусия букаралыгына өткөн алгачкы жылдарга таандык маалыматтарда «жарааттарды дарылоодо туземдик элдер үчүн Орусиядан ташылып келинген сымап препараттары өзгөчө маанилүү ролду ойнойт», – деп жазылган. Ошентип, дарылоо каражаты катары кыргыз эмчилери тарабынан орто кылымдарда эле белгилүү болгон сымап башка сатып алма препараттар сыяктуу эле ХХ кылымдын башында Орусиядан ташылып келе баштаган.
Илимий адабиятта Кыргызстандын аймагында минералдык дары-дармектер катары алюминий, висмут, темир, алтын, жез, цинк, мышьяк, сымап, коргошун, күмүш, сурьма сыяктуу оор металлдар аталат [11: 292].
Жогоруда айтылгандай, кыргыздардын салттуу дарыгерчилигинде дарылоо каражаттары, жалпы жонунан, фетишисттик мүнөздө болгон. Мисалы, тиш ооруган учурларда кыргыз эмчиси дарттуунун оорусун токтотуу максатында темир-тезектерди кылдырата баштаган.
Дүйнөнүн, өзгөчө Чыгыштын көптөгөн элдеринин элдик салттуу дарылоосунда металлдардын фетишизациясы бекем сакталып калгандыгы тууралуу Э. Тэйлор мындай деп жазат: «Чыгыш элдеринде жин-шайтандар темирден коркот, металлдардын аталышынын өзү эле аларга каршы күрөшүүнүн эффективдүү ыкмасы болуп саналат деген ишенимдер кездешет. Европалыктардын ишениминде да темир сыйкырчы аялдар (ведьмы) менен эльфтерди адамдардан алыс кууп, алардын күчүн талкалайт. Сыягы, жиншайтандар тууралуу ишенимдер байыркы таш кылымында жаралып, кийин пайда болгон темирди сыйкырчылар зыяндуу нерсе катары жактырбаса керек [219:570].
Темирдин шыпаалуу касиеттери өткөн замандарда дүйнөнүн дээрлик бардык элдеринде болгондугун Д.Фрезер [220:197] менен катар эле айрым башка авторлор да жазышкан [196: 529–537]. Темирдин мындай касиеттери тууралуу түшүнүктөр орустардын элдик салттуу дарылоосунда да кездешет [34: 70–94, 94:169–183].
Ошондой болсо да, байыркы медицинага таандык болгон темирдин дарылык касиетин эмдөө ишинде колдонуунун кызыктуу мисалдары Кавказ элдеринде, өзгөчө, черкестердин арасында кездешет. Аталган элде темир устачылыктын колдоочусу Тлейша эмчи-домчулуктун да колдоочусу болуп саналат деген ынаным бар. Ошол себептен, черкес элинде карапайым темир уста эмчи-домчунун да функциясын аткарып келген. Темир устанын үйгө келип калуусу, дарттуунун устаканада болуусу, илдеттүүнү темир-тезектер курчалып туруусу анын тезирээк сакайып кетүүсүнө кепилдик катары каралган. Оорукчан баланы устаканага алып келишип, темир устанын көзүнчө анын аялы сыркоо баланы жылуу сууга салууга тийиш болгон. Мындай аракеттерден кийин наристе жаңы ысымга ээ болуп, милдеттүү түрдө сакайып кетет деп терең ишенишкен [64:38–39].
Кыргыз табыптары минералдык дары-дармектерди пайдалануу аркылуу ооруларды дарылоонун бир кыйла ыкмаларын билишкен. Мисалы, кичинекей балдардын ашказаны менен ичеги-карын ооруларын дарылоодо кыргыз табыптары алтын же жез шакектер менен сыргалардын «жардамына» кайрылышкан. Зарыл болгон учурларда алтын же жез шакектер күмүш шакектер менен алмаштырылган. Аталган металлдардан даярдалган шакектер менен сөйкөлөр оорулуу баланын киндигине коюлуп, 10–15 секунда аралыгында бир эле жерде бир нече жолу айландырылган. Сыркоолуу баланы дарылоо аракети ушуну менен аяктаган.
XX кылымдын акыркы жылдары седативдүү гормондор (латынча зейешиз – тынчытуучу, басылтуучу, успокоительные) менен антибиотиктерге негизделген заманбап медика ментоздуу терапия дары-дармек наркоманиясы деп аталган феноменди пайда кылып, адамдардын ал дарыларга көнүп калуусуна алып келгендиктен, расмий медицинанын өкүлдөрү дарылоонун рационалдуу медицина үчүн салттуу эмес ыкмаларын издөөгө түртүүдө [9:160]. Организмдин иммундук системасынын дары-дармекке каршылык көрсөтүүсүн жогорулатууга багытталган мындай ыкмалар катары чөп менен дарылоону, ийне менен дарылоону, укалоону (точечный массаж), металлотерапияны ж.б. аташат.
Жез менен дарылоо ыкмасын изилдөө XIX кылымдын ортосунан бери жүргүзүлсө да, шыпаалуу таасирдин мыйзамченемдүүлүгү дагы деле болсо ачыла элек. Бир катар жылдардан бери расмий медицина металлдардын жаныбарлар менен адамдын организмине тийгизген таасирин үйрөнүүгө карата аракеттери жасалганы менен металлотерапия бүгүнкү күнгө чейин жетишээрлик деңгээлде кеңири пайдаланылбай келет. Тарыхка кайрылсак, өз мезгилинде Аристотель менен Гален металлотерапиянын шыпаалуу касиеттерин билишкен. Мисалы, Аристотель жезди сөөк сынган же мертинген жерге басуу менен дененин көкала болуусун алдын алууга болот, ошондой эле жез шишикти көөп кеткенди дарылайт, жездин туурандыларын басуу аркылуу жараларды айыктырса болот деп жазган.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда металлдардын шыпаалуу касиеттерине карата фетишисттик мамиле бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Мисалы, сарык оорусуна (желтуха) чалдыккан адамды мүмкүн болушунча сары нерселер менен туш-тараптан курчоо сунуш кылынат, дарттуу адамдын айланасына күнүмдүк турмушта колдонулуп жүргөн сары нерселер менен буюмдарды илип, же тизип коюу абзел. Мындай нерселер катары алтындан, же өзгөчө түрдө, жезден жасалган металл буюмдар пайдаланылып, дарттууга алтын же жез шакектерин, сөйкөлөрүн, билериктерин, чынжырчаларын тагышат, жез табактагы сууда сүзүп жүргөн сары чабак балыктарды тиктетишет. Мындан сырткары, оорулуу алтын шакектер менен сөйкөлөрдү узак мезгил бою оозунда кармап турууга тийиш. Ошондой эле алтындын, же жездин күкүмдөрүнүн анча чоң эмес дозасын муздатылган кайнак сууга салып ичүүнү да сунушташат.
Кытайдын, Япониянын байыркы медицинасы жана индиялык йогалардын окуусу боюнча жандуу организмде энергия белгилүү бир каналдар боюнча тынымсыз агып турат. Эгерде кандайдыр бир каналда энергия бөгөлүп калса, анда ал башка каналдардагы энергиянын жетишсиздигине алып келет. Мындай учурда энергиянын организмдеги табигый гармониясы бузулуп, адам ооруй баштайт [196: 529–537].
Байыркы кытайлар, индустар жана япондор бардык оору сыркоолорду төмөнкүдөй эки типке бөлүшкөн: 1) оң типтеги оорулар (суук тийүү менен коштолгон оорулар), 2) терс типтеги оорулар (өнөкөт жана айыкпас шишикти жаратуучу оорулар).
Физика илими жылуулук энергиясы эч качан токтоп турбайт, ал тынымсыз кыймылда деп үйрөтөт. Бул илим боюнча өзү аркылуу жылуулукту жеңил өткөргөн заттар өткөргүчтөр (проводники) деп аталышат. Эң мыкты өткөргүчтөр болуп металлдар, топурак, суу ж.б. эсептелерин баарыбыз билебиз. Мисалы, ысык сууга салганда дароо ысып кеткен темир кашык эң мыкты өткөргүч болуп саналат. Расмий медицина электр энергиясынын кыймылы организмде белгилүү бир каналдар боюнча тынымсыз агып кыймылдап турарын көз жаздымда калтырып келген. Бирок эмпирикалык байкоолорго негизделген мындай түшүнүктөр кытайлар, индустар, япондордон башка дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде болгон. Мисалы, байыркы орустар тромбофлебит (бутунун күрөө тамыры, же венасы көөп кетүүсү) менен ооруган адамдарга шүүдүрүмдүү чөпкө жылаң аяк басууну сунуш кылып, чыңалып турган буттагы электроэнергияны жерге өткөрүшкөн.
Активдүү чекиттерге туура таасир берүү аркылуу оң типтеги ооруларды нормалдаштырууга толук мүмкүн.
Алтын менен күмүш терс типтеги ооруларды, ал эми жез оң типтеги ооруларды дарылоого кудуреттүү экендиги расмий илим тарабынан далилденген. Анткени жездин электр потенциалы адамдын денесинин электр потенциалына барабар.
Денедеги ооруксунуп турган чекиттер төмөн электр потенциалына ээ болгондуктан, алар бир эле белгидеги электр агымын (тогун) өткөрө алышат. Ошентип, жездин электр тогу потенциалы боюнча өзүнө дал келген оорулуу чекитти дароо эле «таап алат». Мындай ыкма денедеги активдүү жана пассивдүү чекиттерди табуу зарыл болуп саналган ийне менен дарылоодо (иглотерапия) зор мааниге ээ.
Медициналык практика далилдегендей, оорулардын басымдуу көпчүлүгүнүн негизги эки гана себеби бар: 1) нервдин жукарышы (нервное истощение), б.а., коркуулар, жек көрүү, сарсанаалар, кайгыруу, кызганыч, көрө албастык жана акчанын артынан сая түшүү менен шартталган эмоциялуу туруксуздуктар нерв системасын иштен чыгарып, нервдик энергиянын запасын сарпка учуратат жана 2) токсемия, б.а., организмдин ууланышы [196: 456].
Расмий медицина белгилегендей, металлотерапия ысытманы (температура) түшүрөт, курч кармаган ооруну басат, кан токтотуу эффектисин берет, суу жана минерал алмашуусун активдештирет, уйкуну жакшыртат, борбордук нерв системасын тынчытат (успокаивает), кандагы инсулиндин аракетин активдештирет, лейкоциттердин функциясын күчөтөт да, өтө күчтүү бактерициддик каражат болуп саналат. Мындан сырткары, жезди териге жабыштыруу аялдардын эмчегинде ныктуу шишиктер, жатындын фибромасы, мастит ж.б. шишиктерди (доброкачественные опухоли) таратат, кургак учукту (туберкулез), организмдеги бардык сезгенүү процесстерин (өнөкөт отит, өнөкөт бронхит, бронхопневмония, табарсыкка, бөйрөккө, өпкөгө ж.б. организмге суук тийүү, гайморит, инфекциялуу артрит, бөйрөктөгү таш, холецистит, полиартрит, диабет, тери оорулары ж.б.) дарылайт. Мындан сырткары, жез аппликациясы угууну калыбына келтирет, кулактагы күрүгүүнү кетирет, тендовагитинди, операциядан кийин пайда болгон чуркуну (грыжа), геморройду, абсцесстерди дарылайт, оорулуунун операциядан кийинки абалын жакшыртат, ревматоиддүү артритти дарылайт [196: 530–536].
Жогоруда каралган материал күбөлөгөндөй, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун рационалдуу ыкмаларында фитотерапевтикалык багыт үстөмдүк кылат.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда рационалдуу табиятка ээ, көп кылымдарга созулган элдик тажрыйба тарабынан ар кыл сынактардан ийгиликтүү өткөн өсүмдүктөрдөн алынган бир катар дары-дармектер бар. Алар дарылоо максатында Теңир-Тоо аймагында жапайы өскөн ар кыл өсүмдүктөрдү пайдаланып келишкен.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда жалбыз (мята), сарындыз (девясил), бака жалбырак (подорожник), эрмен, шыбак (полынь), сары жыгач (барбарис), меңдубана (белена), уу коргошун (аконит), бүлдүркөн (земляника), тал (ива), төө уйгак (лопух), көк нар (мак), арча (можжевельник), чухра (ревень), карагат (черная смородина), кызыл мыя (солодка), чекенди (эфедра полевая), сарымсак (чеснок), көкбаш (шалфей), ит мурун (шиповник) ж.б.у.с. көп сандаган шыпаалуу өсүмдүктөр кеңири пайдаланылган.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда фитотерапевтикалык каражаттар, жалпы жонунан, ичүү максатында колдонулса да, элдик эмчилер менен табыптар ингаляция, жараттарга дары себүү (присыпки), компресс жасоо, сууга жаткыруу жана учуктоо сыяктуу шыпаалуу буу ванналары, ооруган жерге басылуучу кебез же чүпүрөк чыланган дарыларды (примочка) арбын пайдалана билишкен.
Дары чөптөрүнөн алынган чийки зат (сырье) күкүм (порошок), кайнатма, тундурма, айрым учурларда дары майлары, өсүмдүктөрдөн сыгылып алынган маңыз же шире түрүндө кеңири колдонулган. Жаратка дары чаптоо (пластырь), өсүмдүктөн же анын айрым бөлүктөрүнөн ботко (кашица) жасоо ыкмасы кеңири жайылтылган эмес.
Органотерапия, же жаныбарлардан алынган дары-дармектерди пайдалануу медицинанын эң байыркы каражаттарынын бири болуп саналат. Мындай терапия дени сак жаныбардын куландай соо органы адамдын денесиндеги ага шайкеш келген органды дарылоого жардамы тиет деген ынанымга таянат. Мисалы, эркектердин жыныстык алсыздыгын айыктыруу максатында кыргыз табыптары аларга жапайы жаныбарлар менен айбандардын эркегинин жыныс органдарын жегенди, же алардын өтүн ичүүнү сунуш кылышкан. Өзгөчө алар тарабынан аюу менен бугунун жыныс органы, же өтү, ошондой эле эркек бугунун мүйүзү өзгөчө бааланган.
Кыргыз табыптары булак эн, итий ж.б. балдар ооруларын жылкынын, аюунун, ак кажырдын, каздын ич майы менен дарылашкан. Кыргыз элдик салттуу дарылоосунда суурдун, кашкулактын, текенин, аюунун, түлкүнүн, кажырдын, улардын ж. б. жаныбарлардын өтү дары катары колдонулуп, жалпы жонунан, өт менен дарылоо кыргыз медицинасында өтө жогору деңгээлге жеткен. Мисалы, кытайдагы кыргыздардын белгилүү манасчысы, кыргыз элинин Баатыры Жусуп Мамай өзүнүн «Кененим» деген дастанында өттүн отуздан ашуун түрлөрүн жазган. Чоң табыптар өттү ала пес (витилиго), пес (псориас) өңдүү тери жана тери-жара венерикалык, өпкө, жүрөк, муун, жүүн жана балдар ооруларына дагы колдонушкан.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда жаныбарлардан алынып, байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейин кеңири колдонулуп келген дары-дармектер катары кымызды, балды, кумурска майын, сүлүк куртту ж.б. атоого болот.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда пайдаланылган минералдык булактардын байыркы доорлорго таандык экендиги күмөн туудурбайт. Мисалы, «Манастын» саптарынан өсүмдүк чөптөрү менен жаныбарлардан алынган дары-дармектерден тышкары башка заттардан, мисалы, минералдардан алынган дарылар жөнүндө да кабарлар бар. Ошолордун бири кантемир дары. Муну метеориттерден жаралган дары деп болжолдоого болот [128: 361].
Ошентип, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында эле ооруларды минералдык дары-дармектер менен дарылоо боюнча бир кыйла маанилүү кошумча маалыматтарга ээ болгон. Минералдык дары-дармектер кычыткы, баш котуру, котон жара ж.б. тери ооруларын, аялдар ооруларын дарылоодо, жасалма бойдон алдырууда, сарык оорусун дарылоодо кеңири колдонулган.
ООРУЛАРДЫ ДАРЫЛООНУН ЭЛДИК ЫКМАЛАРЫ
- Элдик салттуу дарылоодогу иррационалдуу ыкмалар
Сөздүн магиялык кудурети менен дарылоо аракети (психотерапия).
Психотерапия (грекче psychooce – жан, therapeia – дарылоо) деп дарылоо максатында оорулуу адамга сөздүн, кыймыл-аракеттин, жагдайдын жардамы аркасында психикалык таасир көрсөтүү аталат [30: 975].
Илимий адабиятта психотерапиянын төмөнкүдөй 3 түрү айырмаланат [306: 975]:
- Рационалдуу психотерапия (дарттын себебин түшүндүрүү);
- Ынандыруу (адам ойгоо, сергек кезде жана гипноз аркылуу);
- Өзүн өзү ынандыруу (аутогендүү машыгуулар).
Көрүнүп тургандай, психотерапия төмөнкүдөй түрлөргө ээ суггестия (латынча suggestio – ынандыруу) процесси менен тыгыз байланышкан [30: 212]:
- Психологиялык маанайдагы суггестия (ынандыруу). Ынандыруу деп адамда анын эрки менен аң-сезиминен сырткары кандайдыр бир абалдын, сезимдин, мамиленин пайда болушуна, же ал тарабынан кабыл алынган нормалар менен ишмердик принциптеринен жаралбаган кандайдыр бир жорук-жосунду жасоосуна алып келген таасир аталат. Мында ынандыруунун объектиси болуп жеке инсан эле эмес, топтор, коллективдер, социалдык катмарлар да эсептеле алышат (массалык ынандыруу).
- Медициналык маанайдагы суггестия (ынандыруу). Ынандыруу – бул оорулуу адамдын психикасына дарылоо максатында сөз менен таасир көрсөтүү методу.
Мындай максаттуу медициналык метод ойгоо адамга карата да, гипноз абалында да жүргүзүлөт.
Өткөн доорлордо кыргыздардын арасында оорулууларды сөздүн, дубанын жардамы менен сакайтуу аракеттери кеңири орун алганына Ф. Поярков, И. С. Колбасенко, Г.А. Колосов, В. И. Кушелевский өңдүү орус изилдөөчүлөрү кеңири токтолушкан [185:89–99, 95: 47–49, 111: 402]. Балдарды дарылоо учурунда болсо ун себүү, жаңы союлган койдун терисине ороо сыяктуу ыкмалар менен коштолуп айтылган.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда ынандырууга негизделген психотерапия улутубуздун вербалдык (латынча verbalis – оозеки, сөз түрүндөгү) жана вербалдык эмес маданияты менен тыгыз байланышкан [1: 3–8].
Бата (арабча фатиха – тилек, башталыш) – 1) курандын биринчи сүрөөсүнүн (бабынын, бөлүмүнүн) аты; 2) алкыш, ак тилек, каалоо; 3) дүйнөдөн кайткан адамга куран окуу, үйүнө барып көңүл айтуу [1: 3–8].
Кыргыздардын маданий этикети үчүн мүнөздүү болуп саналган өтө маанилүү ишаараттардын бири болуп адамга ак тилектерди, ак ниеттерди, жакшылыктарды каалап, сыйынуу менен коштолгон «бата» ишаараты эсептелет. Бири-бирине, адамдардын тобуна, бүтүндөй эл-журтка бакыт, бакыбаттык, ден соолук каалаган чоң мааниге ээ бул ишааратты жыныстык жана курактык айырмачылыктарына карабастан, адамдардын бардыгы тең жасоого тийиш.
Кыргыздарда батага ишеним байыркы доордон эле калыптанган. Аларда ар бир нерсенин ээси болот деген диний-мистикалык түшүнүк болуп, батада табияттын жана кубулуштардын ээлеринен, пирлеринен, ата-бабалардын арбагынан, колдоочулардан, пайгамбарлардан көмөк, колдоо суранган өтүнүчү айтылат.
Батага болгон ишеним «бата – сөздүн атасы», «атаңдан бото калбасын, бата калсын» сыяктуу калк арасында айтылып жүргөн макалдардан байкалат. Кыргыздын салттуу турмушундагы бала тарбиялоодо анын орду омоктуу. Ымыркай кезинен эр жеткенге чейин берилүүчү ак баталар баланын зээнине сиңип, эл берген батадагы адамдык сапаттарга (ата-энеңди сыйла, эл керегине жараган адам бол ж.б.) ээ болууга аракеттенишип, жаштайынан тарбияланган. Айрым учурларда жаман жорукту таштабай турган адамдардын ичинде «батамды берейин» деген сөздү укканда, жаман ниетинен кайткандар болгон.
Батаны журт ичинде кадыр-барктуу, нускалуу даанышман карыялар, эл акылмандары, көсөмдөр беришкен. Алардан бата алуу үчүн атайын алыстан ат арытып келгендер болгон. Жалпы элдин батасы касиеттүү, ыйык саналып, азыркы учурда да кээде эл чакырып, бата суралат. Дасторконго бата, жаңы үйгө бата, күйөөгө узатчу кызга бата, үйлөнүү тойго бата, уулга бата, ал турсун колго суу куйган балага бата ж.б. бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жаткан түрлөрү өтө көп.
«Манаста» эскерилген баталардын эң негизгиси баатыр баланын кереметтүү бойго бүтүү мотиви батанын магиялык күчүнө ишенүү түшүнүгү менен байланышкан. Мисалы, Кошойдун батасы менен узакка балалуу болбой жүргөн Каныкейдин боюна Семетей бүтөт [84: 214.].
Дуба (арабчадан чакырык, өтүнүч; сыйынып-табынууда айтылчу сөз) – өлгөн адамга, же башка бир диний жөрөлгөлөргө, ырым-жырымдарга байланыштуу жакшылык тилекти, көңүлдү билдирүү иретинде окулуучу бата ырымы. Дуба сыйкырлоо маанисинде да колдонулат [1:8–9].
«Манас» эпосунда дуба, кудайга, табигый кубулуштарды башкаруучу сыйкырдуу күчтөргө кайрылуу маанисинде арбын кезигет. «Тескери дуба нече окуп… Калмакча дуба жат окуп» Алмамбет жоого каршы жайчылык кылат. Дуба окуу мейман тосуу салт-каадасынан да орун алган:
«Астына даам койгон соң,
Аш-тамакка тойгон соң,
Алакан жазып кол ачып,
Дуба кылып болгон соң»
гана Бакай карыя Ажыбай менен Серектен келген жөнжайын сурайт [167: 118].
Кыргыздардын табу (тыюу салынган) сөздөрү кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоо, же сөздөрдү айтууга салынган тыюулардын системасы болгон. Аталган ишаракеттерди жасоо менен адам кудайдын, же керемет күчтөрдүн каарына калып жазаланат деп түшүнүлгөн. Ошентип, табу адамдын жашоо-тиричилигинин маанилүү чөйрөлөрүн тескеп, кийин пайда болгон социалдык жана диний нормалардын негизине айланган [30: 172]. Илимий адабиятта кыргыздардын кулк-мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн түзгөн табу сөздөрүн, түшүнүктөрүн жана жүрүм-турум нормаларын төмөнкүдөй топторго бөлүп жүрүшөт [1: 6–7]:
- Оору-сыркоо, же дарт менен байланышкан табу сөздөр;
- Антропонимдер (грекче anthropos – адам, onyma – ысым, ат) – адамдын ысымы менен байланышкан табу сөздөр.
Байыркы мезгилде адамдар сөздүн күчү менен таасирине абдан ишенишип, нерселер менен кубулуштардын чыныгы аталышын атоодон коркушканын айттык. К.К.Юда хин: «Дарттын чыныгы аталышын атоо анын тездик менен таралып кетишин шарттайт деген элдик ишеним бар. Ошол себептен, кыргыздар «чечек» сөзүнүн ордуна «улуу тумоо», «чыйкан» сөзүнүн ордуна «сыздоок», «келте» сөзүнүн ордуна «кара тумоо» ж.б. табу сөздөрүн колдонушкан» [240: 906], – деп жазат. Кыргыздар «кызылча» (краснуха) деп аталган дартты кызамык (краснуха), кызыл (красный), кызыл оору (красная болезнь), кызыл көйнөк (красная рубашка) деп аташып, ага ылайык келген жөрөлгөлөрдү жасашкан.
Кыргыз эмчилеринин түшүнүктөрү боюнча терс мүнөздөгү руханий күчтөр, алардын ичинде ар кыл оорулардын колдоочулары өздөрүнө жаккан адамдардын үйүн айланчыктап, аларга оору-сыркоолорду жугуздуруп жүрөт. Мындай күчтөргө балдар «жакпай» калып, аманэсен ден соолугу чың болуп өссүн үчүн кыргыз аялдары балдарын жуундурушкан эмес, ал тургай аларга атайылап ылай, баткак, көө сүйкөп, балдарга аларды терс жагынан мүнөздөгөн Сасыкбай, Итбай, Күчүкбай, Шалтак, Даакы, Бокбай, Жүдөмүш ж.б. ысымдарды беришкен. И. И. Ибрагимовдун сөздөрү боюнча казактарда да ушундай эле салт кездешет [76: 128]. Д. Фрезердин маалыматтары боюнча, өткөн замандарда адамдын ысымына карата мистикалуу мамиле дүйнөнүн көптөгөн элдерине мүнөздүү болгон. Мисалы, француздук Индокытайда эгер бала оорулуу жана чабал болуп төрөлсө, анда ага кара мүртөз рухтардын сугу менен назары түшпөгөндөй болгон начар ысымдарды ыйгарышкан [220:197]. Ушундай эле салт Борнео аралынын жашоочуларынын арасында да кездешкен [220:197].
Кыргыздардын балдарына ысым берүүдө да табу мүнөзүндөгү айрым шекшинүүлөрү жөн эместигин илимий адабиятта чагылдырылган төмөнкүдөй айрым күнүмдүк турмуштун мисалдары күбөлөйт.
Кыргыздардын каргыш сөздөрү Инвектив сөздөр кандайдыр бир максатты көздөө менен да колдонулган. Мындай инвективдердин катарына башка адамдарга каршы багытталып, алардын бул дүйнөдө эң баалуу деп табылган нерселер менен кубулуштардан айрылып калуусун максат кылып айтылган каргыштар кирет.
Каргыш – бирөөгө карата каргап айтылган сөз. Каргыштар бата (алкыш) сыяктуу эле тилөө жана арбоо максатында колдонулат. Бирок батага карата каршы максатта – бирөөгө наалат, кыянаттык келтирүү үчүн сөздүн магиялык кудурети жумшалат.
Кыргыздардын этиноэтикетинде жаман ниеттеги сөздөр менен каргыштар ошол сөздөрдү айтып жаткан адамдар өздөрүн курчап турган чөйрөнү булгап, анын куту менен кунарын кетирет, балдарына залакасын тийгизет деген ишенимде болуп, «каргышың кара башыңа тийсин» деп нормативсиз лексикага карата негативдүү мамиле жасап, ошол терс кубулуштар суу менен кетсин максатында аякка куюлган сууну адамдын башынан тегеретип, серпе төгүп келген. Демек, сөздүн жандуу клеткасынын 60–99,7%и суудан турган адамга тийгизген таасири да ушундай болот. Бүгүнкү күндүн илими менен күнүмдүк турмуштун мисалдары да кыргыздардын аталган сөздөргө карата айткан негативдүү жоромолдору негиздүү экенин далилдешет [1:531].
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диниймистикалык багыты тарабынан колдонулган ыкмалардын, пайдаланылган чөп-чарлар ж.б. шыпаалуу дары-дармек каражаттарынын түрлөрү, ал тарабынан «сакайтуу» аракети көрүлгөн оору-сыркоолордун аталышы жана саны азырынча толук түрдө инвентаризацияланып, такталып бүтө элек. Бул жакынкы келечекте турмушка толук аша турган иш экенинен күмөн санабайбыз.
Айта кетчү нерсе, аталган параграфтын башында келтирилген бир катар объективдүү жагымсыз шарттар элдик медицинанын диний-мистикалык багытын кыргыздардын арасында кездешкен дээрлик бардык оору-сыркоолорго кийлигишүүгө мажбур кылып, кыргыздардын этномаданияты менен элдик салттуу дарылоосу үчүн өтө бай материалдардын жаралышына түрткү берген. Албетте, алардын баарына токтолуу мүмкүн эмес. Ошол себептен, элдик медицинанын диний-мистикалык багытынын жалпы тенденцияларын түшүнүү максатында ал тарабынан сакайтуу аракеттери көрүлгөн айрым, эл арасында өтө кеңири кездешкен, ооруларга кыскача токтолсок.
Аял оорулары. Д. Фрезердин маалыматы боюнча тукумсуздуктан арылуу максатында «ыйык жерлерге», айрыкча, «ыйык дарактарга» сыйынуу салты дүйнөнүн көп элдеринде арбын кездешет [222: 1972]. Балалуу болуу максатында «ыйык жерлерге» зыярат кылуу салты түштүк славяндардын элдик салттуу дарылоосунда да сакталып калган. Алардын адаты боюнча балага зар аялы менен күйөөсү «эч жерде кездешпеген» гүлдөр өскөн булакка барып түнөшкөн. Кийинки күнү алар шыпаалуу булакка майда тыйын таштап, үйлөрүнө кайтышкан [203:157].
Балалуу болуу максатында шыпаалуу «ыйык жерлерге» зыярат кылуу жана ошол жерге курмандык чалуу салты кыргыздардын арасында бүгүнкү күнгө чейин кездешет. Айтсак, революцияга чейинки мезгилде Кыргызстандагы эң «ыйык» жана шыпаалуу жер катары Ош шаарында жайгашып, Сулайман (Соломон) пайгамбардын турак жайы катары бааланган XIX кылымдын аягында Ош шаарын көрүп кеткен Е. Марков бул тоо тууралуу мындай деп жазат: «Айрым күндөрү тоого келип, зыярат кылган адамдардын саны 10000 адамдан ашат» [130: 539]. Аталышынан байкалып тургандай, бул тоо мусулман дини менен тыгыз байланышкан. Тоого келген зыяратчыларга мусулман дининин өкүлдөрү ырым-жырым жасап, байлар менен тектүүлөрдү да исламдын эшен-калпалары коштоп жүргөн. Бирок тоонун өзүндө жасалган иш-аракеттер менен ырым-жырымдар мусулман дининин постулаттары менен принциптерине таптакыр дал келген эмес. Мисалы, төрөбөгөн аялдар тоонун бетиндеги таш төшөлгөлөргө курсагы менен жатып, шыпаа күтүшкөн. Далысы ооруган адамдар формасы боюнча адамдын далысын элестеткен таштагы оюкка чалкасынан жатып, дарыланууну ниет кылышкан. Колу-буту ооругандар таштын көңдөй жыртыгына колу-бутун киргизишкен. «Сулайман-Тоо, – деп жазат Е. Марков, – ферганалык мусулмандардын ынанымы боюнча байыртан эле шыпаалуу күчкө ээ болуп келген» [132: 539].
Кошой-Коргон менен Таш-Рабаттан да «ыйык» деп саналган шыпаалуу жер болуп Ат-Башы кырка тоосунун этегинде жайгашкан Арашан суусун атоого болот. Арашандын жылуу жана туздуу суусу фонтан болуп, жерден атырылып чыгып, Арашан дарыясына куят. Минералдуу булактын суусу Арашан дарыясына чейин 500 метр узундуктагы арык аркылуу агып барат. Булактын бир тарабында аскалуу таш жайгашып, жыш чычырканак менен тосулган. Булакка сыйынуу продцедурасы бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Себеби Арашан суусу калктуу пункттардан бир кыйла алыс жайгашкан. Адам баласы тарабынан жай мезгилинде гана башмаанектелген жер болгон Кыргызстандагы эң мыкты жайлоолордун бири Ак-Сай жайыты Арашандан 20 км алыстыкта жайгашкан. Ошол себептен кеп болуп жаткан булакка сыйынуу кылдат даярдыкты талап кылган. Адамдар жалгыздан эмес топ-топ болуп, өздөрү менен кошо үйүр-үйүр койлорун айдай келишкен. Дарттуулар менен аларды коштоп жүргөндөрдүн булакка табынуусу эки жумага чейин созулган. Кыргызстандын башка аймактарында жайгашкан «ыйык» жерлерге жасалган табынуу дарылоо аракеттеринен сырткары, бул жерде дарттуулар булактын жылуу жана туздуу суусуна киринишкен, түшүшкөн. Улуулардын айткандарына караганда Арашандын суусу кызыл жүгүрүк (ревматизм), шал оорусу (паралич) жана тукумсуздук сыяктуу дарттардан жапа чеккендерге шыпаа берген. Ар бир сыйынуучу чычырканактын куурап калган бутактарына Арашан суусунун боюнда союлган жылкынын жал-куйругун, койдун бир ууч жүнүн илишкен. Дөөлөттүү, нарктуу, тектүү, бай жана журт атасы, тон жакасы атыккан адамдар чүпүрөккө, же союлган малдын терисине оролгон акчаны бутакка байлашкан. Кыргыздар бул акчага кол салууну өөн жана жат көрүшкөн.
Ал эми төрөбөгөн аялдар чычырканактын бутагына кебезди, же чүпүрөк байлашкан. Куураган бутактарга байланган жана илинген нерселердин баары Арашан суусуна чалынган курмандык деп түшүнгөн. Илимий адабиятта кездешкен маалыматтар боюнча нерсенин бутакка илинген бөлүгү гана эмес, бүтүндөй өзү да курмандык катары бааланган. Мисалы, С. М. Абрамзондун маалыматына ылайык Тянь-Шань областынын Ак-Талаа районунда жайгашкан Ак-Терек жана Фрунзе областындагы «Арашан» курортунун аймагында жайгашкан «Мукамбет-Үңкүр» сыяктуу «ыйык» жерлерге дарттуулар келип, теректер өскөн чер токой менен үңкүрдүн кире беришиндеги жалгыз долоного өздөрүнүн курмандыктарын илишкен [3:373–383].
Кыргыздардын салттуу дарыгерчилиги диний-мистикалык багытында тукумсуз эркектерди дарылоо маселеси эч качан көтөрүлбөгөндүгү кызык [236: 57]. Кыргыз эркектери тукумсуздуктан айыгуу максатында эч качан жогоруда сүрөттөлгөн «ыйык жерлерге» зыярат кылышкан эмес. Үй-бүлөдө балдардын жоктугу дайыма аялдын тукумсуздугу катары түшүнүлгөн.
«Ыйык жерлерге» сыйынуудан сырткары, төрөбөс аял өз боз үйүнө ден соолугу чың бир нече балдар төрөлгөн үйдөн бешик сурап алып, ал бешикти көчүп-конгондо өзү менен кошо ала жүргөн. Мындан сырткары, эгерде балдар токтобой, же тез-тезден ооруп, алсыз болуп өссө, анда анын ата-энеси балдары чымыр, бат торолгон, оорусыркоодон алыс башка үй-бүлөдөн өз баласы үчүн бешик сурап алышкан. Эгер мындай бешик ата-эненин өтүнүчү менен жасалып жатса, анда аны баланын таякелери жагынан абройлуу, беделдүү, урмат-сыйлуу жана кадырбарктуу адам жасоого тийиш болгон. Ошондой эле бул адамдын ден соолугу да мыкты болуусу зарыл болгон. Ал эми жалгыз гана кыздарды төрөй берген аял кош бойлуу чагында башка аялдын эркек баласын сурап алып, аны баккан. Башка бирөөнүн баласын асырап алуу, же аны убактылуу багуу да элдин түшүнүгүндө тукумсуздуктан арылтчу каражаттардын катарына кирген [158: 76–77].
Кыргыз аялдары өнөкөткө айланган бойдон түшүүдөн өтө коркушкан. Эгер аял бул оорудан запкы тартса, анда бул аялдын көйнөгүнүн этеги менен жеңин түстүү жиптер менен төөнөп коюшкан («этек-жең топчуу» ырымы). Мындай дарылоо аракетинен кийин түйүлдүк энесинин жатынына бекем бекип, бойдон түшүү кайталанбайт деп ишендирилген. Бойдон түшүүнүн башталгыч белгилери байкалган учурда да жогорудагыдай магиялуу иш-аракеттер жасалган. Сөз болуп жаткан илдетти дарылоодо «ээрге отуруу» деп аталган магиялык ыкма да колдонулган. Ээр жерге коюлуп, боюнан түшүп жаткан аял ээрдин башын эмес, жөлөнгүчүн карап олтуруусу абзел болгон. Мындан соң аялды ээрден сүйрөп түшүрүү дарылоо аракети имитацияланган. Бул учурда эмчи аял боюнан түшүп жаткан аялды ээрден сүйрөп түшүрө албагансыган түр көрсөткөн. Мындай дарылоо аракетинен кийин аял ээрге кандай бекем олтурса, түйүлдүк да энесинин жатынына ошондой «бекем олтурат» деп ишенилген [158: 76–77].
Бойдон түшүү, же мөөнөтүнөн мурдагы төрөттөн сырткары энеликтин бактылуу жолунда дагы бир топ бөгөттөр болгон. Мисалы, кыргыз эмчилердин түшүнүгү боюнча кош бойлуулук кармалып калган. Белгилүү бир өлчөмдөргө жетип, түйүлдүк 12 айга чейин өспөй калуусун эмчилер кош бойлуулуктун кармалып калуусу деп аташкан. Эмчилердин пикиринде мындай илдеттин себеби болуп кош бойлуу аял тарабынан төөнүн этин белгилүү бир этияттыктарды сактабастан жегендик аталган. Мисалы, мындай этияттыктардын катарына төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: кош бойлуу аял күйөөсү жок шарттарда төөнүн этин өзү жалгыз жебөөсү тийиш. Эгер кандайдыр бир жагдайлардан улам аялдын жанында күйөөсү болбосо, аял өзү жеген төөнүн этинин бир бөлүгүн күйөөсү үчүн үйүнө ала келүүсү зарыл болгон. Төөнүн этин жалгыз өзү жеп алган аял кош бойлуулуктун кармалып калуусунан төмөнкүдөй магиялык ыкманын жардамы аркасында кутула алган. Ал тирүү төөнүн тизгинин алгач бир тарапка, андан соң экинчи тарапка аттаган (тизгин аттоо). Бул дарылоо аракеттерин кош бойлуулуктун кармалып калуусу байкалгандан соң да жасоо керек болгон.
Кош бойлуулук кармалып калбас үчүн кыргыз эмчилери дарылануунун айрым «эмпирикалык» каражаттарын сунуш кылышкан. Мисалы, алар кош бойлуу аялдын курсагына жаңы эле союлган койдун жылуу карынын коюшкан, мында карындын ичиндеги нерселер тазаланган эмес. Карын аялдын курсагына муздап калмайынча коюлган. Аталган дарымчылык аракетин үч жолудан кем эмес кайталоо зарыл болгон. Кош бойлуулук кармалып калган учурларда көпөрөстүн (сулема) эритмесин ичүү сунуш кылынган.
Кыргыз эмчилери кош бойлуулуктун кармалып калуусун төөнүн этин азыкка кошуп жегендик менен «түшүндүрүүсү» Түштүк Америкадагы индейлердин «энеси да, атасы да, айрым бир жаныбарлардын кээ бир терс сапаттары балага өтүп кетпөөсү үчүн ошол жаныбарлардын этин жегенден баш тартуулары тийиш» [29: 32–39] деген салты менен үндөшүп турат. Ошондой эле кыргыз эмчилери кандайдыр бир сактык чараларын колдонбостон туруп төөнүн эти менен азыктануу балага төөнүн сапаттарын өткөрүп, натыйжада анын энесинин курсагында өөрчүүсү 9 ай эмес, төөнүкү сымал 12 айга созулуп кетүүсү ыктымал деп боолголошкон.
Бирок кош бойлуулук учурунда кыргыз аялы үчүн кооптонуу кош бойлуулуктун кармалып калуусу менен гана чектелген эмес. Белгилүү мезгилдерге чейин нормалдуу өнүгүп келе жаткан кош бойлуулук күтүүсүз жерден «жок болуп кетүүсү» да мүмкүн болгон. Мындай учурларда түйүлдүк айрым бөлүктөргө «ажырап», аялдын этек кири менен кошо анын организминен «чыгып кетет». Мындай мистикалуу кубулушту кыргыз эмчилери «сөөк кургоо» (высыхание кости) деп аташкан. Алардын пикиринде түйүлдүк менен кошо аялдын өзү да «кургай» баштайт делген. Мындай аял өнөкөттүү түрдө оорукчал келет жана өлөр-өлгүчө өз «дартынан» айыкпайт [159: 45–50].
Мындай мистикалуу кубулушту кыргыз эмчилери эненин жүрөгү түшүүсү менен түшүндүрүшкөн. Бул «дарт», эреже катары, «суук» дарттардын катарына киргизилген жана «дарттуу аял» кыргыздардын улуттук ашканасынын эң мыкты тамак-ашы болуп саналган «ысык» азыктар менен дарыланган. Кош бойлуулук кармалып калган учур сыяктуу эле мындай аялдын курсагын жаңы эле союлган койдун жылуу карыны менен жабышкан. Бирок бул учурда карындын ичи тазаланып, анын ичине ысык суу толтурулган. Кыргыз эмчилеринин пикиринде карын менен байланышкан дарылоо аракеттеринин экөөсү тең бирдей эле мааниге ээ. Кыргыз эмчилери тарабынан түшүндүрүлгөн кош бойлуулуктун «кармалып калуусу» менен «жок болуп кетүүсү» кош бойлуулукту жана анын башталышын аныктоодо кетирилген катачылык менен байланышса керек. Анын үстүнө, төрөбөс аял баладан көзү каткан күйөөсүн «кош бойлуумун» деп алдоого аргасыз болгон. Андан соң ал кош бойлуулук «кармалып калды», же «жок болуп кетти» деп актанган. Мындай мистикалуу кубулуштарды ырастоо аялдардын тукумсуздугун дарылай албаган кыргыз эмчилери үчүн да пайдалуу жана ыңгайлуу болгон.
Төрөт кош бойлуу аялдын өмүрүндөгү өтө кооптуу жана коркунучтуу учур болуп саналган. Демейде, кыргыз аялдары жеңил төрөшкөн, төрөттүн өзүнө чейин атка минип жүрө алышкан [АТМ, Нарын району. 2008, 5] Төрөт, эреже катары, 2–3 саат убакытка созулган. Ошондой болсо да кыргыз аялы төрөттү өтө кооптонуу менен күткөн. Бул кооптонуунун негизги себеби болуп кош бойлуулуктун башынан аягына чейин аялды аңдып жүргөн албарсты саналган. Эмчи-домчулардын кеңеши боюнча кош бойлуу аял албарстыдан коргонуунун атайын иш-чараларын алдын ала көргөн. Мүмкүн болушунча аял күндүзү да, түн ичинде да жалгыз калбаганга, түн ичинде сыртка жалгыз чыкпаганга, жалгыз жол тартпаганга аракет кылган. Мындан сырткары, ал жаныбарлардын денесинин ар кандай бөлүктөрүнөн даярдалган тумарлар менен көз мончокторду тагынып жүргөн. Албарстыдан тун баласын боюна көтөрүп жүргөн аялдар абдан корккон. Мындай аялдар үйдөн чыкпаганга, эл көзүнө көрүнбөгөнгө аракет кылган. Кош бойлуу кыргыз аялы өзүнүн бала күтүп жаткандыгын, жада калса жакын туугандарынан да узак мезгилге чейин жашыруун сыр кылып каткан. Жакын туугандар бул маалыматты билген соң башкаларга аны жарыялоодон ийменишкен. Мындай ырым-жырымдар үйдө кош бойлуу аял жашай тургандыгы тууралуу имиштер албарстыга жетпесин деген ниетте жасалган. Аялдын толгоосу башталганда, ага аначыны, же эмчини чакырышкан. Аялдын толгоосу тууралуу имиш кеп албарстыга чейин жетпес үчүн, төрөт тууралуу кабар өтө эле ченелүү сандагы адамдарга айтылган [АТМ, Нарын району. 2008, 4].
Баарыбызга белгилүү болгондой, кыргыз эмчилеринин түшүнүктөрү боюнча албарсты аталган жаныбарлардан корккон. Өзгөчө албарстынын эти менен тамактанган бүркүт аталган рухий күч үчүн кооптуу деп табылган [159:234].
Төрөттү жеңилдетүү ишинде жана баланын тону түшпөй жаткан учурда бир катар магиялык ыкмалар жасалган. Мисалы, аялдын өрүлгөн чачы жазылган, бекилген топчулары ачылган, курлары менен байлоочтору бошотулган ж.б. Мындан сырткары, ар бири жети түйүндөн турган жети жибек жип күйгүзүлгөн. Жибек жиптердин узундугу төрөп жаткан аялдын боюна дал келген. Кыргыз эмчидомчуларынын пикири боюнча мындай иш-аракеттердин баары бала менен тонду бошотуп, аларды кыймылдуу кылууга жол ачкан [159: 235].
Оор төрөттөрдүн учурунда төрөп жаткан аялга жебенин огун (пуля), же чачманы (дробь) тиштетишкен, күйүп жаткан отко темир кесиндилерин ыргытышкан, темир нерселерди кылдыратышкан. Көп учурларда ок менен чачманын ордуна кадимки эле түрдөгү коргошун колдонулган. Ошондой эле мындай учурларда куучулар, манасчылар, атагы алыска кеткен баатырлар жана жогоруда сүрөттөлгөн темир усталар чакырылган. Кыргыздардын этнографиясын терең изилдеген белгилүү окумуштуу С.М. Абрамзон өзүнүн «Кыргыз наристесинин төрөлүшү жана балалык чагы» деп аталган кол жазмасында (бул кол жазма Кыргфонд ИЯЛИнин архивинде сакталып турат) сөз болуп жаткан маселе боюнча мындай деп жазат: «…Төрөттүн учурунда, күндүз да, түн ичинде да от күйүп турат, очоктун жанына мизи эшикти караган бычакты коюшат. Аялдын баш тарабындагы керегеге огу дүрмөттөлгөн мылтык илинет. Карышкырдын… же аюунун терисин илишет же жерге жая салышат; үйдүн ичине бүркүттү, же үкүнү алып киришет. Темир устаны чакырышат. Ал болсо боз үйдүн ичине темир-тезегин кайрап, узана баштайт, же үйгө балкып эриген темирди алып киришип, жакын туугандардын бири аны койгулай баштайт. Коңшу боз үйдөгүлөргө күлгөнгө, же тамашалашканга тыюу салынат…» [3: 373–383]. Биздин жеке пикирде өткөн замандарда кыргыз аялы төрөгөн жагдай аталган автор тарабынан бурмаланбастан, дээрлик так сүрөттөлгөн. Төрөп жаткан аялга темир аркылуу жардам берүүнү көздөгөн ушундай эле ыкмалар орустардын, чуваштардын, бухаралык еврейлердин, башкырлардын, тувалыктардын ж.б. элдердин элдик салттуу дарылоосунда кеңири кездешет [14: 1–16, 61: 72, 67: 138–148, 71: 357–380, 154:61,192:330]. Алардын ынанымында мындай иш-аракеттер төрөттү жеңилдетүүгө көмөк берген. Кош бойлуу аялдын жаздыгынын алдына коюлган темирден жасалган нерселер аны жин-шайтандан коргойт деген ишеним болгон. Илимий адабиятта кош бойлуу аялдарга карата темир колдонуп ырым-жырым жасоо каадасы казандык татарларда да кездешет деген маалыматтар бар [152: 258–267].
Аялдардагы этек кир учурундагы, бойдон алдыруу менен төрөттөн кийинки анормалдуу кан агууну дарылоонун бир катар диний-мистикалык «түшүндүрмөлөрү» менен «каражаттары» да болгон. Динчил эмчи-домчулар мындай кубулушту аялдын ичине «кирип» алып, анын ички органдарын бузуп, канын көп агызууга мажбурлаган албарстынын кийлигишүүсү, же таасири менен түшүндүрүшкөн. Ошондой эле байыркы эмчилер этек кир учурундагы, бойдон алдыруу менен төрөттөн кийинки анормалдуу кан агууларды, мындан сырткары, мөөнөтүнөн мурда токтоп калган этек кирди, же анын өз убагында болбошун аталган дарттардан жапа чегип жаткан аял качандыр бир кезде албарсты менен жыныстык катнашта болгон деп түшүндүрүшкөн. Мындай айыптоолордон алыс болуу жана албарстыны «коркутуу» максатында аял жаздыгынын алдына курч бычакты, балтаны, Куран китебин жаздап жаткан, эшигинин үстүнө мылтык илген, эмчилердин сунушу боюнча «ичиртки» ичкен.
Балдар оорулары. XIX кылымдын аягы – ХХ кылымдын башына балдар оорулары кеңири тарап, балдардын арасында көп өтө болгон. Мисалы, 1924-жылдагы антропологиялык экспедициянын маалыматтары боюнча «балачакалуу 80 үй-бүлөнүн ичинен 9 үй-бүлөнүн (11%) гана бардык балдары тирүү болсо, изилденген үй-бүлөлөрдө төрөлгөн 592 баланын 233ү гана, б.а., бардык балдардын 40%и гана аман калган. Мында балдар арасындагы өлүмжитим эмчек эмген ымыркайлар менен эрте балалык доорундагы наристелерге таандык болгон [134: 27–29].
Табып балдар ооруларын кээ кездерде дарыласа да, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосундагы жалпы жоболор дээрлик колдонулбай, балдарды дарылоонун диний-мистикалык ыкмалары үстөмдүк кылган өтө эле өзгөчөлөнгөн чөйрө болуп эсептелген. Мисалы, балдар ооруларын эмпирикалык ыкмалардын жардамы аркасында дарылоо ишинде кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун эмпирикалык бөлүгүндөгү «ысык» жана «суук» оорулар, мүнөздөп тамактануу тууралуу жалпы жоболор таптакыр эске алынган эмес. Мындай кубулуш, жалпы жонунан, чоң адамдарга багытталган элдик медицинанын эмпирикалык бөлүгүнүн жалпы жоболору колдонулбай турган наристенин балалык курагынын өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлгөн. Мисалы, энесинин сүтү менен азыктанган оорулуу ымыркайга элдик медицинанын эмпирикалык бөлүгүндөгү мүнөздөп тамактануу тууралуу жалпы жобосун пайдалануунун зарылдыгы болгон эмес.
Жалпы эле ооруларды, алардын ичинде, дээрлик бардык балдар ооруларын дарылоодо колдонулган кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диний-мистикалык багытына таандык универсалдуу ыкмалар катары айрым иррационалдуу ыкмаларды атоого болот.
Жаңы төрөлгөн наристенин өмүрү менен ден соолугун сактоо максатын көздөгөн ырым-жырымдарда фетишизмге мүнөздүү калдыктар сакталып калган. Мисалы, жаңы төрөгөн аял, биринчи эле кезекте, баласына узун өмүр менен чың ден соолукту берүүсүн өтүнүп, күйүп турган отко сары май салган. Кыргыздар отко кайрылып, анын «көңүлүн табуу» максатында гана отко сары май салган. Күйөөсүнүн босогосун жаңы аттаган жаш келин да ушундай эле ырым-жырымды жасаган. Бул ырымдардын маңызы эмнеде жатат?
Илимий адабияттарда көрсөткөндөй кыргыздарда от тазалоочу сапатка ээ. Тазалоо ырымы аластоо деп аталат. Мындай дарылоо аракеттери адамды азыркы дартынан гана арылтпастан, келечекте боло турган дарттардын да алдын алат. «Отко табынуу менен, – деп жазат Ч. Валиханов, – алар оттон коркушат… Көп сандаган дарттарды оттун каары деп түшүнүшөт…» [42: 29]. Айтылгандардан сырткары, кыргыздарда Нооруз күнү арча менен аластап, үйдү ыплас күчтөр менен булганыч нерселерден тазарттуу профилактикасы болгон. Түркмөн элинде да от менен тазаланууга арналган атайы күн бар жана ал күн «кара чоршамбе» («кара шаршемби») деп аталат [152: 221–224]. Күйүп жаткан оттон секирүү аркылуу түркмөндөр ар кандай оору-сыркоолорду алын алууга жана алардан арылууга далалаттанышкан. Дүйнөнүн көп сандаган элдери тарабынан отко табынуунун мисалдары жана оттун «керемет күчтөрүн» пайдалануу аркылуу эмчи-домчулардын дарттууларды дарылоого жасаган аракеттери Д. Фрезер менен Э. Тэйлордун эмгектеринде да кеңири орун алган [217: 34–37].
Казактардын арасында кездешкен жогорудагыдай мүнөздөгү үрп-адаттар Ч. Валиханов тарабынан төмөнкүчө сүрөттөлгөн: «Наристе төрөлгөндө отко курмандык ирээтинде сары май салышат…», «от үйдүн коргоочусу, үйдүн куту делген, ошол себептен үй-бүлөгө жаңы мүчө болуп кирип жаткан жаш келин «менин жолумду ачып, батаңызды бериңиз» деген сөздөр менен чоң үйдүн отуна жүгүнүп, таазим эткен…» [42:234–237]. Наристенин дем алуусу начарлап, шайы кетип турган учурларда да анын энеси жардам сурап, отко кайрылган. Таң эртең менен эне оорулуу баласын көтөрүп, өчүп калган отко келип, очоктун үч бурчунан күл чымчып алып, аны менен баланы апаптап (күл чымчыган колун баланын ээгине тийгизет), оттон (кудайдан) балага чың ден соолук берүүсүн өтүнөт. Башка вариант боюнча сүрөттөлгөн дарымчылык аракетин жасоо максатында эне оорулуу баланы көтөрүп алып, коңшуларын кыдырып, алардын очогунан күлдү чымчып алып, оорулуу баланын моюнуна илинген булгаары баштыкка чогултат. Бул баштык баланын жаздыгынын башында дайыма илинип турат. Күн сайын таң эртең менен жогоруда 1-вариант катары сүрөттөлгөн дарымчылык аракетин жасоо үчүн эне кошуналардан чогултулуп, булгаары баштыкка топтолгон күлдү ырымдоо каражатын колдонот. Биринчи учурдагыдай эле бул дарылоо аракетинин маңызын эненин очоктун керемет күчүнүн жардамы аркасында оорулуу баласын сакайтып алууга аракет жасаган. Жаңы төрөлгөн наристени ар кандай оору-сыркоо менен кырсыктардан коргоо максатында төмөнкүдөй магиялык иш-аракеттер жасалган [159: 236–239]:
Көйнөк же дамбалдан өткөрүү. Жаңы төрөлгөн наристе өтө узак жашаган адамдын дамбалынан, же көйнөгүнөн өткөрүлгөн. Мында дамбалдын, же көйнөктүн ээси сыяктуу бул бала да узак өмүр сүрөт делген. Баланын кыркы чыгып жаткан мезгилде «ит көйнөктөн» кийин наристени жогоруда аталган дамбалга, же көйнөккө ороп, же кырк өөндөн тигилген «кырк көйнөк» кийгизүү абзел болгон.
Ит көйнөк. Жогоруда кеп болгондой, ымыркайдын кийим-кечеси менен бешигине кат-каттап илинген тумарлардан сырткары, баланы суук көздөн, жаман сөздөн жана оору-сыркоодон алдын ала коргоого багытталган максатта ага «ит көйнөк» деп аталган атайы көйнөктү кийгизишкен. Мындай көйнөктү каалагандай жумшак материалдан тигип, тигиштери сыртка карагандай кылып, балага кийгизишкен. Көйнөктү балага кийгизээрден мурда аны күчүктүн, же кичинекей иттин башына «кийди» кылгандай ишаарат жасалган. Мындай дарылоо аракетинен кийин көйнөк «коргоочу», оору-сыркоону алдын алуучу касиеттерине ээ болду делип, ага тумарга тиешелүү сапаттар ыйгарылган. Ымыркайга «ит көйнөк» кийгизүү ырымы казактарда да болгон [226: 79].
Балалуу болуу максатында жасалган магиялуу ишчаралар. Наристенин бешиги анын энесинин ден соолугу чың, узак өмүр сүргөн, беделдүү эркек бир тууганына милдеттендирилген, же балдары жакшы үй-бүлөдөн суралып алынган. Баланын кыркын чыгарууда ага кырк казандын кармагычын «тиштетишкен». Мындай магиялык ырымжырымдар балага узак өмүр менен чың ден соолук берет деп ишенилген. Баласыз аял тизесине чоочун балдарды алып олтурган, кур бешикти терметкен ж.б. Мындай ишаракеттердин маңызы айтпаса да түшүнүктүү.
Бечел балага жасалган магиялык иш-аракеттер. Эгер наристе өз учурунда баспаса (бечел), анын бутун аккара түстөрдөн эшилген аркан менен байлап, салтанаттуу түрдө тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Бул той чакырылгандарды меймандоо менен коштолуп, баланын тезирээк басып кетүүсүнө көмөк берет деп түшүнүлгөн. Бутту тушаган аркандын ак-кара түсү наристе келечек турмушта басып өтө турган жашоонун өйдө-ылдыйын, ак-карасын, жакшылык-жамандыгын татыктуу көтөрүп, барга көппөсүн, жокко чөкпөсүн деген маанини билдирген.
«Чачуу» магиялык иш-аракеттер. Өз учурунда тили чыкпаган балдарга карата «чачуу» деп аталган магиялык дарылоо аракетинин жардамы аркасында дарылашкан. Мындай баланын ата-энеси сөзгө бай, куюлуштуруп сүйлөгөн кызыл тилдүү чечен адамдарды мейманга чакырып, алардын кешигин оорулуу балага беришкен. Кешик аркылуу балага чечен адамдын кеп өнөрү өтүп, ал сүйлөй баштайт деген ишеним болгон.
Көпчүлүк учурларда оору-сыркоолор менен дарттардын себеби катары көз тийүү эсептелген. Кыргыз эмчилери айрым адамдардын көз карашы баланын ден соолугу үчүн өтө кооптуу деген пикирде болгон. Жаш балалуу үйгө мындай адам келгенде, наристе дароо эле өзүн начар сезип, ооруп калган. Айрым учурларда, балдар көз тийгенден бир нече күндөн соң ооруй башташкан. Өзгөчө «кооптуу» көз карашка ээ адамдарды жергиликтүү жашоочулар жакшы билишкен. Эмчинин кеңеши боюнча, же эне өз демилгеси менен үйдөн мындай адам чыгып кетээр замат көз тийүүнү алдын алуу максатында баланын боюна ченеп кесилген жибек жипти отко салып өрттөгөн, же баланын мойнуна көз мончок таккан [АТМ, Араван району. 2006.3]. Айрым учурларда көз мончокту баланын көйнөгүнүн көкүрөгүнө, же баш кийиминин чекесине кадап коюшкан. Көз мончоктун көрүнүктүү жерде болушу өзгөчө мааниге ээ болгон. Балалуу үйгө кирген чоочун адам өз көңүлүн көз мончокко буруп, анын «кооптуу» назары көз мончокто калат деп ишенилген. Ошол себептен, курчап турган чөйрөдөн бир кыйла айырмаланган, ачык түстүү көз мончоктор, же көз мончок катары пайдаланылган топчулар тандалып алынган. Кушнердин (Кнышевдин) маалыматы боюнча көз тийгизип алуудан чочулаган эне баласын жуундурган эмес, же өтө сейрек жуундурган [112:135]. Бирок балага чоочун адамдар гана эмес, жакын туугандар да көз тийгизе алышкан. Ошол себептен, эне баласына ашкере суктанууга тийиш эмес болгон. Кыргыз эмчилердин пикири боюнча кимдир бирөө баланын сулуулугуна, бекем ден соолугуна, акылынын өткүрлүгүнө үн чыгарып, же үн чыгарбай, ичинен эле суктанып койсо, анда кирене балага көчүп артып кетип, ага ар кыл дарттар менен илдеттерди жуктурат. Чоочун адамдар келип кеткенден кийин кыргыз аялы коноктор тамак ичкен идиш-аякты жууп бүткөндөн соң, идиш жууда пайдаланылган кир сууну атайы идиште бир нече күн бою сактап койгон. Эгерде коноктор кеткен соң балага көз тийгендик байкалса, анда эне ошол кир сууну балага ичирген. Же болбосо, эмчинин кеңеши боюнча эне коноктордун колу тийген бардык нерселерди, айталык, сүлгүлөрдү, эшик боону ж.б. бир сыйра чайкап жууп, андан калган кир сууну оорулуу балага ичирген [АТМ, Нарын району. 2006. 3]. Белгилүү болгондой, көз тийүү балдар ооруларынын негизги себеби катары дүйнөнүн дээрлик бардык элдеринде кездешет. Түрк элдеринин ичинен башкырлардын көз тийүүгө болгон мамилеси С.И.Руденко [194:330], ал эми казактардын ичиндеги көз тийүүнү И.И.Ибрагимов [75:128] кеңири сүрөттөшкөн.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосундагы балдарды «көз тийүүдөн» коргоонун төмөнкүдөй айрым иррационалдуу ыкмаларын атоого болот:
Киренелөө. Жогоруда нан менен киренелөө ыкмасына токтолдук. Киренелөөдө нандан башка нерселер да кеңири колдонулат. Информаторлордун маалыматтары боюнча кирене кирген баладан киренени чыгаруу максатында жетиге бөлүнгөн кагаз менен ырымдашат [АТМ, Ысык-Көл району. 2008.2]. Ырым жасалып бүткөндөн кийин жаман энергияны өрттөп жиберүү максатында сыркоо баладан өткөн жаман энергия чогулган кагаз толугу менен күйгүзүлөт. Кээде, нан менен кагаздын ордуна жети түрдүү тамакты (бир чымчым талканды, унду, тузду, бир үзүм камырды, бир кесим этти, бир аз майды ж.б.) кандайдыр бир нерсеге (айтсак, кагаз барактын бетине, же чүпүрөккө) салып алып, андан соң аны бекем ороп туруп, баланы киренелешет да, кагаз менен чүпүрөккө оролгон тамак-ашты үйдөн алыс ыргытып жиберишет [АТМ, Нарын району. 2006. 4]. Тамактын жытын сезген ит, мышык, же башка жаныбар аны жеп кетет. Ошону менен баладан кирене алыстап, бала сергип эс алып, ыйлаганы басылып, жаны тынч алып, уйкуга кетет.
Киренелөөнү жасап жатып, ырымчы кудайга жалынып, төмөнкүдөй магиялык сөздөрдү 3 жолудан айтып ырымдашкан:
Чык, кирене, чык!
Азуусу бийик зоого бар!
Агымы күчтүү сууга бар!
Азып жүргөн итке бар!
Букадай бакырганга бар! Өгүздөй өкүргөнгө бар!
Араң жүргөн баламда, Ала турган эмнең бар?
Чык, кирене, чык!
Сук-суктоо. Бул киренелөөнүн түндүк кыргыздарына гана таандык түрү болуп саналат. Информатор берген маалымат боюнча балага ач киргенде ачтайт, б.а., сук-суктайт [АТМ, Нарын району, 2006.4]. Бул ырым эшиктин алдында, же иттин жанына барып жасалат. Аталган ырымды жасоодо деле жети нанды алып, баланын башынан ылдый карай киренелөөдөгүдөй эле кыймылдарды жасап келип, жаман энергияны төмөн карай «сыдырышат» да, ошол энергияны «сиңирип» алган нанды «сук, сук, сук» деген сөздөр менен итке сунат. Ит үмүттөнүп, нанга жулунат. Нанды иттин оозуна жакындатып келип, бирок ага бербей, кескин тартып алып, кайрадан эле «сук, сук» деген сөздөр менен нанды итке сунушат. Сук-суктоо 3 жолу жасалып, андан соң гана нанды итке беришет [АТМ, Нарын району. 2006.4]. Динчилдердин ынанымында ит баладан түшпөй жаткан жаман энергияны үмүттөнүп жатып, эртерээк түшүрөт деп коюшкан. Жогорудагы сук-суктоо ырымын жасагандан кийин, балага кирене кайра кирбесин үчүн ага ар кандай мончок, тумарларды, кийимине топчуларды, же төөнөгүчтөрдү тагып коюшкан. Ырымчылардын ишениминде кирененин сугу менен жаман энергиясы балага эмес, андагы тагылып турган топчу, мончок, же төөнөгүчкө топтолуп калат. Топтолгон жаман энергия ылдый карай түшүп кетсин деген ниетте төөнөгүчтүн учун ылдый каратып, анан балага тагып коюшкан.
Кыргыз эмчилеринин пикиринде балдар ооруларынын басымдуу көп бөлүгүнүн себеби болуп «жүрөк түшүү» эсептелет. Аталган оорунун белгиси катары баланын себепсиз эле ыйлап, тынчызданып, тамакка табити тартпай, денеси ысып оорушу, эмгегинин чуңкурайып калышы, же жумшарып кетиши, жүрөктүн лакылдап согушу жана анын табигый ордунан бир кыйла ылдыйлап кетиши эсептелет. Бул мезгилде эмчи баланын эмгегин карайт. Эгерде эмгеги «бөксөрүп» калган болсо, анда баланын бир нерседен катуу жүрөгү түшкөн деп коюшат. Жүрөгү түшкөн баланы ден соолугун калыбына келтирүү үчүн анын жүрөгүн «көтөрүү» керек. [АТМ, Ысык-Көл району, 2007. 3]. Ал жүрөктү «ордуна алып баруу» ырымынан башталган. Эмчи баланын оозуна өзүнүн сөөмөйүн салып алып, аны жогору көздөй 3 жолу көтөрүп, «апаптайт». Мындан кийин 3 жолу кулагынан өйдөнү көздөй тартып, 3 жолу төбөсүнөн баскан. Андан соң эки колу менен баланын көкүрөгүн кармап, көкүрөктөн бир нерсени жогору көтөрүп жаткандай ишаарат жасайт [АТМ, Ысык-Көл району, 2007.3] Бул ырымды кылгандан соң эмчи жаш баланы тизесине олтургузуп алып, темир балканы алып, анын темир уңгусу менен үч жолу жерди ургулап, жерди ар бир ургандан кийин балканын темир уңгусун оорулуу баланын башынан ылдый карай ар бир мүчөсүнө (төбөсүнө, же эмгегине, жүрөгүнүн тушуна, алакандарына, тизесине, тамандарына) тийгизип ырымдайт. Бул ырым 3 жолу кайталанат. Андан соң эмчи кандайдыр бир темир идишке коргошунду (свинец) салып, аны оттун үстүнө кармап эритет. Эриген коргошунду суу толтурулган башка идишке салат, аны сууга салып жаткан учурда суу куюлган идиш же оорулуу баланын башында, же анын башынан өйдө кармалып турууга тийиш. Муздак сууда муздап бара жатып, эриген коргошун баланын жүрөгүн түшүргөн нерсенин, же жаныбардын сөлөкөтү түрүндө катат деп ишенишкен [АТМ, Ысык-Көл району, 2007.4].
Эгер эмчи баланын жүрөгү түшүп, коркуп калганын билсе, анда ал оорулуу баланын башынан өйдө тарапта балкып эритилген коргошундан жүрөктүн формасындагы тумарды (жүрөк тумар) куйган [АТМ, Ысык-Көл району, 2007. №4] Мындай тумар баланын мойнуна илинип, ал аны 5–6 жаш куракка чейин дайыма тагынып жүрүүгө тийиш болгон. Аталган тумар наристени өзү жапа чегип жаткан дарттан гана куткарбастан, аны келечекте да коргойт деп ишенишкен.
Кичинекей балдарды көз тийүү менен байланышкан оору-сыркоолордон сактоого жана аларды аталган оорулардан арылтууга тийиш болгон көз мончок да тумарга тең маанилеш кызматты аткарган. Көз мончок катары ар кыл түстөгү темир топчулар пайдаланылган.
Кыргыздардын арасында кут деп аталган коргошун идолуна, же коргошундан жасалган тик бурчтуу формадагы тумарчага табынуу кездешкен. Эт, кымыз ж.б. кыргыздар сүйгөн азык-түлүктөрдү даярдоодо, аларды ооз тийүүдөн мурда боз үйдүн төрүндөгү керегеде илинип турган коргошун уютмасын аталган азыктар менен майлашкан. Коргошун идолу ушул боз үйдө жашагандардын колдоочусу катары түшүнүлгөн да, аларды ар кандай кырсыктар менен илдеттерден коргойт деп ишенишкен. Профессор К. К. Юдахиндин маалыматы боюнча кыргыздар «кут» деп боз үйдүн түндүгүнөн куюлуп, ошол үйдүн ээсине бакыт-таалай, ырыс-кешик алып келген кочкул кызыл түстөгү муздак затты түшүнгөн [242:576].
Жугуштуу оорулар. Чечек менен кызамык XIX кылымдын аягы – XX башында миңдеген балдардын өмүрүн алып кеткен өтө коркунучтуу жугуштуу ооруларга кирген. Падышалык өкмөттүн саламаттыкты сактоо системасы жергиликтүү калктын арасында кеңири тараган тумоолордун алдын алууга жетиштүү көңүл бурган эмес. Падышалык орус өкмөтү орногондон кийин да кыргыз жеринде балдарды чечекке каршы эмдөө иштери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Чечекке каршы эмдөө ишинин чеке жылытпагандыгын жана кыргыз калкынын арасында чечек оорусунун албууту тууралуу өз кезегинде Ф. Поярков кеңири баяндап жазган [183:21–43, 184: 42]. А. Е. Алекторовдун маалыматтары боюнча 1870-жылы Токмок уездинде 20, ал эми Ысык-Көл уездинде болгону 16 кыргыз улутундагы бала чечекке каршы эмделген [10:28]. 1924жылы антропологиялык экспедициянын жыйынтыктарын чыгаруу менен Л. В. Ошанин мындай деп жазат: «Менин материалымда чечектен ооруган адамдардын саны жалпы калктын 35 %ин түзгөн» [171: 40].
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу чечек, кызамык деп аталган эки жугуштуу оорунун бирөөсү менен наристе ооруп калса, анын энеси жети күн аралыгында күн сайын жети нан жасап, аларды жана аларга кошуп жети шамды коңшулардын ден соолугу чың балдарына таратып берген. Мындан сырткары, оорунун жетинчи күнүндө дарттуу баланын ата-энеси кой союп, анын этин аксакалдарга, кедей-кембагалдарга жана бала-чакага тараткан. Койдун териси молдого, же эл арасында кадырбаркка ээ кембагал аксакалга берилген.
Диссертациянын элдик медицинадагы анимисттик элементтерге арналган бөлүгүндө кыргыз эмчилеринин түшүнүктөрү боюнча чечекти Коросон-Ата деп аталган терс руханий күч таратары айтылды. Коросон-Ата өзүнө арнап курмандык чалбаган, өзүнүн дарегине нааразычылык, наалат сөздөрүн айткан кыргыздардын балдарына чечек жугузат деген түшүнүктөр болгон. Ошол себептен кыргыздар анын ачуусунан коркушкан да, анын дарегине катуу үн чыгарып мактоо сөздөрүн айтышкан. Өзгөчө чечек менен ооруган адам жаткан үйдө кандайдыр бир наалат сөздөрдү күңкүлдөп айтуудан коркушкан.
Кызылча дартынын «ээсине» жагып, бул дарттан тезирээк айыгып кетиш үчүн кыргыздар кызыл көйнөк кийүү, же кызыл чүпүрөккө оронуу сыяктуу ырымдар менен жөрөлгөлөрдү жасашкан. Ушундай эле жөрөлгөлөр жана «кызыл көйнөк» деп аталган табу сөзү өзбектер менен казактарда да жолугат. «Кызамык» сөзүнүн «амык» деп аталган бөлүгү чуваш жана монгол тилдеринде «оору», «дарт», «азап», «түйшүк» деген маанини туюнтат. Чуваш тилинде «амык» сөзүнүн толук формасы болуп «сарык», же «сары амык» эсептелет. Кыргыз тилиндеги «сарык» сөзү медицина тилинде «Боткин гепатити» деп аталып, сары нерселер менен коштолгон ырым-жырымдар менен байланышкан [2: 3–8].
Айылда чечек пайда болгондо, жаш балалуу аялдар өз боз үйүнүн ичи менен айлана-тегерегин мизилдете тазалашкан. Чечектин руху ыпыластык менен балиттикти жактырбаган өтө такыба жана тыкан күч катары тазалыксыз үй-бүлөлөрдү жазалоо максатында алардын балдарына чечек жугузган. Чечек оорусу күчөп жаткан мезгилде отко жугунду тамакты төгүүдөн, отту суу, айрыкча, кир суу төгүп өчүрүүдөн кооптонушкан. Чечек менен ооруган бала жаткан боз үйдү да абдан тазалыкта жана тартипте кармашкан. Оорулуу баласы жаткан жайды мизилдетип тазалоо аркылуу анын энеси чечектин рухун ыраазы кылып, андан баласын аман-эсен алып калууну көздөгөн. Эне баласынын ооруп жаткандыгына бактылуумун дегендей түр көрсөтүп, чечектин рухун таарынтып албас үчүн маанайын чөктүргөн эмес, анын көңүлү шаттуу болгондой ишаарат кылып, ооруну дарылоо багытында эч кандай иш-чара жасабай, эмчилерди үйүнө чакырган эмес. Мындай учурларда кадыресе дуба окуу, куран түшүрүү ишинен да кооптонушкан. Жогоруда белгилүү болгондой, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диний мистикалык багыты ар кыл оорулардын жиндерин кууп чыгуу, кубалоо, коркутуу сыяктуу ырым-жырымдар менен коштолгон. Бирок чечектин колдоочусуна (ээси) карата мындай «одоно» иш-чаралар жасалган эмес. Чечектин колдоочусунан аны мактаган сөздөр, ага кошоматтык кылуу жана анын урматына курмандык чалуу менен гана «кутулууга» мүмкүн деп ынанылган.
Кыргыз эмчилеринин түшүнүгү боюнча чечектин ээси чечек болуп ооруган балдардын үйлөрүнүн биринде туруктуу орун-очок алып турат. Ошол себептен, кыргыздар түн ичинде эч бир шыбыртсыз чогулуп, эски журтка чечек менен ооруган адамдардын үй-бүлөсүн таштап, жаңы журтка көчүп кетишкен. Айрым учурда бир айылда башталган чечек оорусунан качуу башка айылдарга да өтүп, мындай качуу жалпы түрдө болгон. Кыргыздар эски журттан мүмкүн болушунча алыс көчүп, өз жолунда дарыяны кечип өтүүгө аракет кылышкан. Чечектин өзгөчө такыба жана тазалыкты жактырган ээси дарыя аркылуу өтүп, адамдарды куугунтукка албайт деп ишенилген. Чечек менен ооруунун натыйжасында эски журтта калган адамдар менен алакалашуу кан буугандай токтотулган. Эски журтка кайрылып келүүгө тыюу салынган, алыстан келе жаткан жолоочулар да мындай журтту айланып өтүшкөн [АТМ, Ысык-Көл району, 2007.4].
Эгерде жаңы журтка көчүп кеткендер чечектин айынан эски журтта калган адамдар менен ишкер мамиле кылууга аргасыз болсо, анда зарыл делген сүйлөшүүлөр дарыянын эки жээгинде өткөрүлгөн. Дарыянын өйүз-бүйүзүнө туруп алып, бул адамдар өз ара саламдашышкан, эски журт менен жаңы журттун өкүлдөрү түн ичинде жашыруун жана күтүүсүз көчүп кетүүнүн себептери тууралуу сүйлөшүшкөн. Эски журтта калган адамдар түн ичинде катуу уктап калып, көчтөн калып калгандай түр көрсөтүшкөн. Ошондой болсо да бул адамдар жакынкы келечекте жаңы журтка көчүү ниетин билдиришкен эмес. Анткени эски журтта калган адам менен кошо дарыяга чечектин ээси да келди, демек, чечектин ээсинен корккондуктан эмес, кандайдыр бир башка олуттуу себептен улам айыл шашылыш түрдө жаңы журтка көчүп кеткенсиген ишаараттар жасалган. Чындыгында эле, чечек оорусунан качуунун алдында качуунун себеби чечектин ээсин таарынтып албагандай түшүндүрмө ойлонулган. Жалпы түрдө көчүп кетүүнүн чыныгы себебин айыл калкынын басымдуу көпчүлүгү билген эмес. Ушундай жол менен кыргыздар кекчил жана өжөр мүнөз чечектин ээсинин каарынан качып кутулууга аракет жасашкан. Мындан сырткары, дарыянын жээгиндеги сүйлөшүү чечектин ээсине эски журтта калган адамдар жаңы журтка көчүүгө ниет кылбагандыгын туюндурууга тийиш болгон. Чечектин ээси жаңы журтка орун которуунун максатсыз экендигин түшүнүүсү зарыл эле. Мындан сырткары, берилген диалог менен ишаараттар чечектин ээси эмне үчүн бул адамдар дарыянын эки жээгинде сүйлөшүп, дарыяны кечип өтпөгөндүгүн түшүнбөөсү үчүн, аны алдап коюу максатында жасалган. Эгерде бул адамдар бири-бирине кандайдыр бир буюм-тайымды берүү зарылдыгы болсо, анда бул буюм дарыя аркылуу ыргытылып берилген [АТМ, Ысык-Көл району, 2007. №4].
Качан гана чечек оорусунан биротоло кутулдук, чечектин ээси бизди таштап кетти деген ишеним жаралганда, эски журтта калган адамдар жаңы журттагыларга келип кошулушкан, же башка журтка орун которушкан. Чечектин ээси бул жерден кетти деген ынанымдын негизи болуп аталган оорунун башка, өтө алыс жайгашкан айылдарда пайда болушу саналган.
Кыргыз калкынын арасында чечектин «карамык» («черная оспа») деп аталган өтө оор түрү өзгөчө коркунучтарды жараткан. Карамык менен ооруган адам өтө сейрек сакайып, адатта кадыресе чечекке караганда, бул кыргыз эмчилеринин пикиринде ата-энеси чечектин ээсин таарынтып, анын көңүлүн көтөрө албаган адамдардын балдары карамык менен оорушат. Эмчилер тарабынан карамык оорусу чечектин ээсинин кек алуусунун натыйжасы катары каралган.
Кыргыздардын пикиринде оору-сыркоо, дарт, кырсык, төмөнкүдөй 2 жол менен келет: 1) кас душмандын каргышынан, анын жаман көзүнөн, жаман сөзүнөн пайда болот; 2) ооруну жараткан керемет күчтөрдүн адамдын денесине кирип алуусунан улам жаралат. Ошол себептен, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун диний-мистикалык багытына таандык эмчилер оорулардын басымдуу көпчүлүк бөлүгүн бир катар иррационалдуу ыкмалардын жардамы аркасында «сакайтуу» аракеттерин көрүп келишкен.
Жогоруда айтылган 1-жол аркылуу келген оору-сыркоо менен кырсыктарды психотерапия деп аталган ынанымга негизделген ыкмалардын, ал эми 2-жол менен пайда болгон илдеттерди адамдын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч туудурган, адамдын «жанын» сууруп, аны алсыратып, оорутуп, кайгыртып, ар кыл азаптарга салган терс күчтөр менен «күрөшүү» ж.б. сымал мистикалуу мүнөз күткөн иррационалдуу методдор менен дарылоо аракеттери көрүлгөн.
Элдик салттуу дарылоодогу психотерапияга бата берүү, дубалоо, табу (тыюу салынган), инвектив (сөгүнгөн, каргаган) жана эвфемизм (тергеген) сөздөрү кирет.
ХХ кылымдын башына чейин кыргыздардын арасында төрөбөс аялдар да, тукумсуз эркектер да арбын кездешкен. Ошондой болсо да кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу аталган көйгөйдү чечүү ишинде өз чабалдыгын көрсөтүп келген. Тукумсуздуктун чыныгы себептери кыргыз эмчилерине белгисиз бойдон кала берген. Төрөбөс аялдарды дарылоодогу өтө кеңири жайылган иррационалдуу каражат катары «ыйык жерлер» менен шыпаалуу булактарга зыярат кылуу саналган.
Кыргыз эмчилеринин түшүнүктөрү боюнча кош бойлуулуктун кармалып калуусу аялдын курсагына кирип, түйүлдүктү бекем кучактап, анын өнүгүүсүнө бөгөт болгон албарсты менен байланышкан. Мындай түшүнүүгө ылайык кош бойлуулуктун кармалып калуусун аялдын денесинен албарсты кубалап салуу аркылуу аталган илдетти «айыктыруу» аракеттери көрүлгөн.
- Кыргыздардын элдик медицинасынын диний-мистикалык бөлүгүндө жаныбарлар менен айбанаттарга сы- йынуунун калдыктары өзгөчө орунду ээлейт. Мисалы, аначылар оор төрөттүн учурунда төрөп жаткан аялды бөрүнүн, же карышкырдын териси менен жапкан. Кыргыздардын ишениминде карышкырдын териси төрөттү бир кыйла жеңилдеткен. Ушундай максат менен төрөп жаткан аялды аюунун, же карышкырдын терисине жат- кырып, анын кийим-кечесине, боз үйдүн кире беришине бүркүттүн тырмактарын, канаттарын же тумшугун илип коюшкан.
- Төрөттү жеңилдетүү ишинин фетишисттик жана тотемисттик каражаттарынан сырткары, бир катар магиялык ыкмалары да болгон. Мисалы, боз үйдүн жабык түндүгү артка тартылган, кымыз куюлган чаначтын байланган оозу ачылган, бекип турган сандык ачылган, боз үйдүн жанында байланып турган мал бошотулган, төрөп жаткан аялдын туугандарынын бири бийик дөңсөөгө чыгып, ылдыйды карай таш тоголоткон ж.б.
- Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу балдар ооруларын дарылоо ишинде бир кыйла өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Чоң адамдарды дарылоодон айырмаланып, балдарды дарылоо жоопкерчилиги айрым гана эмчи-домчуларга жүктөлгөн. Табып, тамырчы, аначы ж.б. эмпирикалык «дарыгерлерден» айырмаланып, балдар ооруларын дарылоо элдик медицинанын диний-мистикалык багытына таандык эмчинин гана компетенциясына таандык болгон. Айрым гана учурларда балдарды дарылоо ишине табып кийлигишкен. Белгилүү болгондой, эмчилердин ыкмалары менен каражаттарынын басымдуу көпчүлүгү диниймистикалык мүнөздө болгондуктан, балдар ооруларын дарылоо иши да диний-мистикалык мүнөз күткөн.
- Баланын жагымсыз эмоциялары менен терс психикалык энергиясын темирге, темирден жерге өткөрүү, же башка нерселерге өткөрүү ниетин «киренелөө», «сук-суктоо», «жүрөк көтөрүү» деп аталган магиялык иш-аракеттен байкоого болот. Бул учурда эмчи, же баланын энеси табы болбой турган сыркоо наристенин катуу чыңалып турган терс энергиясын очоктон алынып, чүпүрөк тү- йүнчөккө алаканга баткыдай өлчөмдө түйүлгөн күлгө, же талканга, о.э. аякка куюлган сууга өткөрүү аракетте- рин көмүскө аң-сезимдин деңгээлинде (подсознательно), интуитивдүү маанайда жасашкан.
- Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу чечек, кызамык деп аталган эки жугуштуу оору менен күрөшүүдө таптакыр алсыз болгон жана аларды дарылоо иши өзгөчө мүнөздөгү магиялык иш-аракеттер жана курмандыкка чалуулар менен гана чектелген. Диссертацияда сыпатталган ырым-жырымдар оорулуу баланын абалын жеңилдетип, аны ажалдан аман алып калат деп ишенишкен. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда аталган жугуштуу оорулардын себептерин түшүндүргөн эмпирикалык жоболор менен аларды айыктыруунун эмпирикалык ыкмалары дээрлик болгон эмес.
3.1. Элдик салттуу дарылоодогу рационалдуу ыкмалардын өзгөчөлүгү
Суу менен дарылоо. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун эмпирикалык каражаттарынын ичинен ар кыл ооруларды сакайтуу максатында суу менен дарылоо көрүнүктүү орунду ээлеген. Мисалы, Н. Зеланддын маалыматы боюнча кыргыздар менен казактарда «котон жара (сифилис) жана башка оорулардын учурунда сыркоону ачкачылык жана карандай суу менен дарылоо кеңири орун алган. Алар оорулууга 14 күндөн 60 күнгө чейин бир аз сүт кошулган кымыран суудан бөлөк эч нерсе беришпейт; өлүм менен алпурушкан өжөр ноокастар күнүнө бир чакадай суу ичишет» [72:1–78]. XIX кылымдын аягы – XX башында кыргыз табыптары кымыран суу менен дарылоо ыкмасын кеңири пайдаланышканы В. Вышпольский жана Л. Пародоксов тарабынан да белгиленген [51: 113–171].
XIX кылымдын аягы – XX башында кыргыздардын элдик медицинасында адамдын териси анын организминдеги керексиз заттарды бөлүп чыгарган негизги орган экенин билип, суу менен дарылоо ыкмасы элдик гана эмес, расмий медицинада да кеңири колдонулуп жана атайы илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп келген [19: 286]. Суу менен дарылоо ыкмасы өз тарыхында бир катар негизги этаптарды басып өткөн.
Өткөн замандарда кыргыздардын арасындагы суу менен отту фетишизациялоонун калдыктары тууралуу профессор Ф. Ф. Поярков мындай деп жазган: «Кыргыздар тарабынан суу эң ыйык нерсе, ал эми от андан кийин орун алган ыйык нерсе деп түшүнүлөт» [185: 89–99, 186: 42]. Профессор Таш-Рабаттын негизделиши тууралуу уламыштардын бирине токтолуп келип, качандыр бир кездерде кыргыздар «от менен сууга сыйынышканын» [186: 42] баса белгилейт. Ф. Поярковдун маалыматы боюнча эн же булак оорусун (золотуха) төмөнкүчө дарылашкан: «Эки чырак жагып, алардын жанына булактын суусун коюшат да, бир нече жолу бул сууга ант беришип, андан соң ошол суу менен кулакты жуушат» [185: 89–99, 186: 42].
Суу Жер планетасындагы өзгөчө мүнөздөгү физикалык жана химиялык касиеттерге ээ жападан жалгыз суюктук болуп саналат. Суунун молекулалары оң заряддалган суутек (Н+) жана терс заряддалган гидрокычкылы (ОН-) сыяктуу иондорго жеңил эле ажырайт. Дал ушул иондор белоктордун, липиддердин, нуклеин кислоталарынын ж.б. органикалык заттардын мейкиндик боюнча жайгашуу структурасын аныкташат. Мындан сырткары, суу өтө мыкты энергия жана информация өткөргүч болуп саналары илимде азыр жаңы ачылып, бир катар таң калыштуу феномендерди жаратууда. Мисалы, ХХ кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын башында СССРде чуулгандуу атакка ээ болгон белгилүү экстрасенс Алан Чумактын салттуу эмес терапиясы суунун молекулаларынын дал ушундай заряддык сапаттары менен касиеттерине негизделген. Мындан сырткары, азыркы илимде суу өзүнө маалыматтарды сактайт, ошол маалыматтын мүнөзүнө карата ал өзүнүн касиеттерин өзгөртөт деген ынаным япониялык окумуштуу Масару Эмото тарабынан эксперимент жолу аркылуу далилденген. Бул максатта окумуштуулар суу куюлган айнек идиштин бирөөсүн бир бөлмөгө алып келип, ага өтө жагымдуу жана кооз сөздөрдү айтышкан. Экинчи бөлмөгө кеткен ошондой эле идиштеги сууга сөгүнүү сөздөрүн, каргыш айтышкан. Мындан соң ошол суулардын структурасын өтө күчтүү микроскоптордун жардамы аркасында изилдей башташкан. Биринчи идиштеги суунун молекулаларынын структурасы гармониясы, ирээттүүлүгү, ырааттуулугу, даамынын жагымдуулугу менен айырмаланган. Экинчи идиштеги суунун молекулалары хаос формасындагы, чаржайыт, башаламан структурага ээ болуп, даамдык касиеттери да начарлап кеткен [210: 10–12].
Адамдын жашоо-тиричилигинде суу маанилүү ролду ойнорун баарыбыз жакшы билебиз. Мындан сырткары, тегине карай суу булак суусу, дарыя суусу, жер астындагы суу, кудук суусу, тузсуз суу, туздуу суу, туздан арылтылган суу, минералдык суу ж.б. бөлүнүп, өз тегине жараша суунун химиялык курамы да ар кандайча экени ар бирибизге тааныш. Жашоо сууда жаралганы биология ж.б. табигый илимдер тарабынан далилденген. Суу уникалдуу физикалык жана химиялык касиеттерге ээ болгондуктан, суулуу чөйрөдө жандуу организм үчүн өтө маанилүү болуп саналган биохимиялык реакциялар болуп турат.
Суу менен дарылоо жолдору жана түрлөрү: ичүү, буулоо, сууланган чүпүрөк басуу, сууга жаткыруу, чайкануу жана киринүү.
Жандуу клетканын 60–99,7 %и суудан тургандыктан, кыргыз акыны Жеңижок аккан сууну жети күн ырдап, касиеттерин толук чагылдырып бере албаса, голландиялык антрополог Эжен Дюбуа: «Тирүү организм – бул жан киргизилген суу», ал эми атактуу Антуан де Сент-Экзюпери: «Суу сенин даамың да, түсүң да, жытың да жок, сени сүрөттөп жазуу эч мүмкүн эмес, сен эмне экениңди билбей туруп эле адам баласы сенден зор ырахат алат» [196: 413–430], – деп бекеринен айтпаса керек.
65 кг салмактагы чоң адамдын организми орточо эсеп менен 40 литр суудан турат. Анын 25 литри клеткаларда, ал эми 15 литри клеткалардан сырткары суюктуктарда экени далилденген. Организм канчалык жаш болсо, анын денесинде суюктук да ошончо көп. Жаш өтүп, организм улгайган сайын анын денесиндеги суюктук да азая баштайт. Адам баласы бир нече жума эч нерсе наар албай, ачка жүрө алат. Бирок ал суусуз 3–4 күндөн ашык жашай албасы баарыбызга маалым.
Суу буусу менен байланышкан дарылоо. Кусуунун, ич өтүүнүн, күчтүү диарездин натыйжасында денеден суунун буулануу жолу аркылуу жок болуусу ички чөйрөнүн туруктуулугун бузат. Анткени суу менен кошо денедеги туздун көлөмү да кескин азаят. Ошол себептен, суу менен туздун тең салмактуулугун сактабаган учурда организмдин нормалдуу жашоо-тиричилиги мүмкүн болбой калат.
Дарылоо ишинде ичилген суунун көлөмү менен организмден чыгып турган суунун көлөмүн эске алуу абдан маанилүү. Эгер, денеден бууланып кеткен суунун көлөмү ичинен суунун көлөмүнөн аз болсо, анда бөйрөктөрдүн начарлап, жүрөк-кан тамыр системасы ооруга чалдыккан деген диагноз коюу мүмкүн. Расмий медицинанын бул диагнозун байыркы кыргыз табыптары беш колдой билген. Мисалы, Ф. Поярковдун маалыматы боюнча безгек (лихорадка) ж.б. ооруларды дарылоодо кыргыз тамырчылары суудан башка эч бир тамак-аш ичүүгө тыюу салгандыктан, бир катар күн бою оорулуу адам суткасына төрт чакага чейин суу ичип, бөлөк эч наар алган эмес.
Илимий өңүттө бул ыкманын маңызын төмөнкүчө түшүндүрсө болот. Көпчүлүк ашказанды тамак сиңирүүнүн негизги органы деп билет. Чындыгында, метаболизм деп аталган зат алмашуу процессинде дененин бардык органдарынын ойногон ролу абдан зор. Оорулуу денеде бардык органдардын аткарган функциялары начарлайт. Машина бузулуп калган учурда, ири алдыда ошол машинаны оңдоо максатында аны токтотуу абзел. Оорулуу денени машина катары элестете турган болсок, аны сакайтуу үчүн ал аткарган айрым функцияларды да токтотуу зарыл. Айтсак, ысытма менен коштолгон безгектин учурунда организмде жаратуучу күчкө караганда талкалоочу күч үстөмдүк кыларын байкоого болот. Бул жагдайда оорулуу канчалык өлчөмдө тамак-аш ичсе, ошончолук өлчөмдө ал организмден чыгат. Мындай учурда безгек менен ооруган оорулуу адамды күчтөндүрүп тамактандыруу барып турган жаңылыштык болуп саналат. Ошол себептен, расмий медицина да ысытма менен коштолгон оорулардын учурунда пациентти күчтүү тамак-аш менен азыктандырбастан, анын рационун суу менен чектеп коюуну сунуштайт.
Суу буусу менен байланышкан дарылоо «учуктоо» ыкмасы менен тыгыз байланышкан. «Учукту учук, же учуктама деп аталган ыкма менен дарылоого болот», – деп жазган Ч. Валиханов [42: 29]. «Учуктоо» дарылоо аракети төмөнкүнү элестеткен: алоолонуп күйүп турган очокко, же отко кандайдыр бир темирден жасалган нерсе (балта, күрөк, орок, балка, үзөңгү, темир, же чоюн идиш, дээрлик көп учурда темир казан ж.б.) кызаргыча ысытылган. Андан соң оорулууну казанга эңкейтип, табып, же эмчи (кээде оорулуу баланын энеси) колундагы чөйчөктөн оозуна толтура суу алып, аны ысык казанга бүрккөн. Дарылоо аракети ысытылган нерселер муздап, буу чыкпай калганга чейин созулган. Учуктоонун учурунда ысык буудан тердеп чыккан оорулуу дароо эле жылуу жуурканга оролуп уктатылган. Эреже катары, мындай ыкма жатаар алдында, кечинде же түн ичинде күн сайын жана 3 күн аралыгында жасалган. Эгерде биринчи дарылоо аракетинен соң оорулуунун ден соолугунда сакаюу байкалбаса, дарылоо аракетинин бүтүндөй комплекси 3 жолу кайталанган. Ушундай жол менен дарылоо казактардын [226:79], өзбектердин [169: 171, 170: 233–271, 206: 76–79, 216:344] жана уйгурлардын [173:226] элдик салттуу дарылоосунда да кездешет.
Кыргыз эмчилери таштар менен да учукташкан. Алдынан сезгенүүнү (гонорея), кургак учукту (туберкулез) жана кабыргадан кагылууну (воспаление легких) дарылоодо ысытылган бирдей өлчөмдөгү жети кара таштын буусу менен дарттууну учукташкан. Мындай дарылоо аракетинин учурунда дарттуу Мекке шаарындагы Кааба ташын (кыбыланы) карап туруусу зарыл болгон. Мындан дарылоонун эмпирикалык каражаттары менен ташка карата фетишисттик мамиленин өз ара жуурулушканын көрүүгө болот.
Суу чүпөрөктү басуу. Эмчек шишүү, же эмчек булак
(грудница) оорусунда эмчекке кара куурайдын жалбырактары менен анын бышып жетилбеген жашыл бүчүрлөрүнөн жасалган жылуу компресс тартылган. Кара куурайдын жалбырактары менен бүчүрлөрү алдын ала ысык сууга салынып, суудан алып чыгар замат шишип турган эмчекке абайлап тартылып, үстүнөн чүпүрөк аркылуу таңылган. Мындай компресс күнүнө 2–3 жолу жана 7 күн аралыгында жасалган. Айрым учурларда кара курайдын жалбырактары менен бүчүрлөрүнөн даярдалган кайнатмага оорулуу эмчекти 20–30 минута буулап дарылоо аракети менен алмаштырылган. Кээде мындай сууга жаткыруу кадыресе жылуу суунун жардамы аркасында жасалат. Ошондой болсо да, эмчек шишүүнү, же эмчек булакты дарылоодо буулоо процессине артыкчылыктар берилген. Мындай максат үчүн кадыресе ысык суудан да, муздак сууну кызара ысытылган ташка, же темир-тезектерге жаба куюу аркылуу алынган буулар пайдаланылган. Бул учурда тоголок жана кара түстөгү 7 таштын бууларын пайдалануу арбын колдонулган. Буулоодон кийин муздап калган 7 ташты оорулуу аял бир үймөккө чогултуп, ар бир таш менен жерди акырын койгулап, андан соң ошол эле ташты оорулуу эмчегине 3 жолу тийгизген. Мындай дарылоо аракетин ал күнүнө жана 7 күн аралыгында жасаган.
Сууга чайкануу, же киринүү менен байланышкан дарылоо. Наристенин териси менен байланышкан ооруларды алдын алуу максатында жаңы төрөлгөн ымыркайды кыргыздар туздуу жылуу сууга жуундурушкан. Кийин да баланы киринтүүдө туздуу жана тузсуз сууларды мезгилмезгили менен алмаштырып турушкан, б.а., азыр бала тузсуз сууда киринсе, кийинкисинде аны туздуу сууга жуундурушкан. Тери ооруларын алдын алуу максатында баланы жогорудай ыкма менен жуундуруу жана аталган максатта көлдүн туздуу суусун пайдалануу казактардын элдик салттуу дарылоосунда да кездешет [226:79]. «Кычыткыны жана башка тери ооруларын алдын алуу үчүн, – деп жазат А. Е. Алекторов, – кыргыздар туздуу көлдүн суусуна жуунушат» [10:28]. Туздуу сууга баласын киринтүү аркылуу анын энеси балам өмүр бою чыдамкай болуп, жараттар менен азап-тозокторду жеңил көтөрсүн деп үмүт кылган. Ушундай түшүнүктөргө жетеленген айрым энелер балдарды киринтүүдө жыпар жыттуу атыр самындар менен чарбада колдонулуучу жөн самындарды да алмак-салмак пайдаланган.
Булак эн (золотуха) оорусу абдан күчөп кеткен учурда оорулуу баланы агын сууга, же булакка алып келишкен. Булак жээгинде эки чырак жагылып, оорулууну булак суусуна бир нече жолу таазим кылууга мажбурлашат. Андан соң булак суусу менен оорулуунун кулагын жуушкан. Дарылоого киришип жатып, табып оорулуу баланы булактын түбүнө чөмүлткөн, ошол булактын суусуна киринткен. Жылдын суук мезгилинде аталган дарылоо аракети баланын башы менен кулагын жуу менен гана чектелген. Бул дарылоо аракети бир нече жолу кайталанган [183: 89–99].
Суунун молекулаларынын уюлдуулугу (полярность) минералдык туздар, жөнөкөй спирттер, кант ж.б. ар кыл заттарды эритүү касиети менен шартталган. Ошол себептен, суу жашоонун улануусу үчүн зарыл болуп саналган көп сандаган химиялык реакциялар болуп турган чөйрө болуп эсептелет.
Суу организмдин жылуулугун жөнгө салууда да зор ролду ойнойт. Ал жылуулук гомеостазын сактап тургандыктан, организм курчап турган чөйрөдөгү температуралык термелүүлөрдүн кескин амплитудаларына адаптациялана алат. Организмде температура жогорулаганда денеден суунун буулануусу күч алат да, дене муздай баштайт. Абанын жана курчап турган чөйрөнүн температурасынын төмөндөшү денеден бууланып жаткан сууну кескин кыскартат да, организмде жылуулук сакталып калат.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда кеңири колдонулуп келген жана бүгүн да колдонулуп жаткан арашан суусу деген эмне? Ал кантип пайда болот? Минералдык булактардын шыпаалуу касиеттери тууралуу расмий илим менен медицина эмне айта алат?
Кулжа районунун жергиликтүү калкы тарабынан ар кыл оору-сыркоолорду дарылоодо минералдык булактарды колдонуусу тууралуу Н. Н. Пантусов туземдиктер тарабынан «арашан» деген аталышка ээ болгон бул минералдык булактар ошол эле туземдиктердин берген баасы боюнча шыпаалуу касиеттерге ээ экендигин жана алардын пикиринде булактагы сууга жаткандар кызыл жүгүрүктөн (ревматизм), булчуңдун дирилдеп тартылышынан (спазма), тери ооруларынан, сынган сөөк ооруларынан, котон жарадан (сифилис) жана сарт баш котурунан (сартовская парша) сакайып кетишкенин белгилейт [173:226].
Жер астынан табигый жол менен чыккан жылуу суулар арашан суулары (монголчо аршан – булак) деп аталат. Суунун температурасы 37–42° болсо, булак суусу термалдуу 20–37° болсо – субтермалдуу, ал эми 42°тан жогору болсо – гипертермалдуу арашан суусу деп аталат. Арашан суулары, негизинен, жер астындагы суудан пайда болот. Суу жер кыртышынын тереңиндеги жогорку температурада болуп турган тоо тектердин арасынан сарыгып өткөн кезде ысып, тектоникалык жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Арашан суулары, көбүнчө, жанар тоолуу (вулкандуу) жерлерде, артезиан суулары жайгашкан жана тектоникалык кыймылдар болуп турган аймактарда кезигет. Жазы тоолуу аймактарда ысыган тоо тектер жер бетине жакын жайгашкандыктан, андагы суу тез ысып, сыртка буу, же кайнар булактар (гейзерлер) түрүндө чыгат. Кыргызстанда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Жыргалаң курортторунда жана Ат-Башы, Тоң, Кара-Кече, Гүлчө ж.б. жерлерде арашан суулары бар.
Илимий медицинанын минералдуу суулардын пайда болушун, физикалык жана химиялык касиеттерин, ооруну дарылоо жана алдын алуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү бальнеология (латынча balneum – киринүү жана грекче logos – окуу) деп аталат. Бальнеологиянын бальнеотехника, бальнеотерапия ж.б. тармактары бар [196: 413–430].
Табигый жана жасалма жол менен даярдалган минералдуу сууларды оорулуунун денесин чыңдоо максатында пайдалануу ыкмасы бальнеотерапия деп аталат. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондуктан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, анткени алардын дарылык касиети минералдуу суунун химиялык, температуралык жана механикалык факторлоруна байланыштуу болот. Бальнеотерапияда минералдуу сууларга түшүү (ванна, душ, бассейн, туздуу көл ж.б.) жана ичүү, органдарды «сугаруу», ооз менен тишти чайкоо, ингаляция, карын жана ичегилерди жууш үчүн сунуш кылынат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жыныс ооруларында, тери оорусунда кеңири пайдаланылат. Анткени минералдуу суунун таасиринен кан менен лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши жакшырат. Минералдуу суу ванналары жүрөк-кан тамырдын жана нерв системасынын ишин, организмдеги зат алмашууну, ички бездердин иштешин жакшыртат. Жалпы жана жергиликтүү ванна жүрөк-кан тамыр, муундардын, нерв системасынын, гинекологиялык ж.б. ооруларды дарылоо үчүн пайдаланылат. Минералдуу сууну ичкенде ооз көңдөйүнүн, карындын былжыр челинин рецепторлоруна түздөн-түз таасир этип, карын секрециясын нормалдаштырат.
Мүнөздөп тамак ичүү. Адамдын организми кантип ууланат? Токсемиянын негизги себеби болуп кофе, чай, шоколад, газдалган суу, алкоголдук ичимдиктер, тамеки сыяктуу денени дүүлүктүрүүчү наркотиктер эсептелет. Аталган эки фактордун натыйжасында адамдын алкым бездери (гланды) менен тамак сиңирүүсү организм үчүн зарыл болуп саналган метаболикалык (грекче metabole – кубулуу, айландыруу, б.а., зат алмашуу) тең салмактуулукту сактоо функцияларынан айрылып, натыйжада токсемия оорусу жаралат. Азыркы шаарлыктардын тамакашында минералдардын жетишсиздиги адамдарды зарыл болуп саналган өлчөмдөн да көп тамак-аш менен азыктанууга мажбурлоодо. Ашкере көп тамак-аш организмдин ткандарына ашыкча май түрүндө топтолуп, ал эми сиңбей калган азык заттар болсо уулуу заттарды, же токсиндерди пайда кылып, адамдын дартка чалдыгуусуна көмөк берет.
Айтылгандардан күнүмдүк турмушта адамдын ден соолугуна кедергисин тийгизчү кооптуу факторлор катары туура эмес тамактануу саналат деген тыянакка келүүгө болот. Ошол себептен туура диетаны (грекче diaita – жашоо шарты, тамактануу тартиби), же туура тамактанууну сергек жашоонун өтө маанилүү шарты деп атасак жаңылышпайбыз [103: 254].
Адам коомунун бардык тарыхый доорлорунда:
- организмди жогоруда айтылган уулуу заттардан, же токсиндерден кантип арылтууга болот?
- бул максатта дары-дармектер менен медикаменттерди ичүү зарылбы?
- алар биздин организмди токсиндерден толугу менен тазалоого кудуреттүүбү? ж.б. суроолорго өзгөчө көңүл бурулган. Байыркы грек дарыгери Гиппократ оорунун түрдүү баскычында тамакты сан жана сапат жагынан туура пайдаланууну сунуш кылган. Римдик дарыгер Асклепиад (б.з.ч. 128–56) фармакологиялык дарылоону жактырбай, шакирттери менен бирдикте түрдүү ооруларды дарылоодо мүнөз тамак-ашты колдонуу көрсөтмөлөрүн иштеп чыккан. Оорулуу адамдын тамактанышына римдик дарыгер Гален да көп көңүл бурган.
Мүнөздөп тамактануу, тамак-аштын химиялык курамы, физикалык касиети, даярдалышы жана адамдын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык атайын иштелип чыккан тамактануу тартиби диета деп аталат. Дени сак адамдын жашына, кесибине жараша мүнөздөп тамактануусун тамактануу гигиенасы изилдейт. Ал эми сыркоо адамдар үчүн мүнөздөп тамактанууну иштеп чыгуучу жана сунуш кылуучу илим диетология деп аталат [49:154, 237: 320]. Оорунун мүнөзүнө жараша түзүлгөн диетаны сунуш кылуу адамдын организминдеги функциялык, патоморфологиялык, зат алмашуунун бузулууларына, ферменттик өзгөрүүлөрдү ж.б. эске алат. Диета, негизинен, карын менен он эки эли ичегинин жара оорусу, колит, өтө семирүү ж.б. дарттары байкалганда сунуш кылынат. Ооруга жараша диетанын түрү болот. Туура тандалган диета ар кандай дары-дармек каражаттардын таасирин күчөтүп, дарылоого жардам берет. Катуу кармаган оорунун өнөкөткө айлануусун алдын алууда диетанын мааниси чоң.
Кыргыз табыптары да бир катар ооруларды дары-дармектин эмес, тамак-аштын мүнөзүнө жараша дарылоону жактырышкан. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда туура эмес тамактануунун натыйжасында денеге толуп кеткен уулуу заттарды чыгаруунун жападан жалгыз жолу, дартты толук түрдө сакайтуунун эң эле ыкчам тез ыкмасы катары ачка болуу аталган.
Тилекке каршы, айрым учурда кыргыз табыптары тарабынан колдонулган ачкалык жана кымыран суу менен дарылоо дайыма эле туура нукта жүргүзүлгөн эмес, оорулуу кезерген ачкалык менен алсыздыктан улам жарык дүйнө менен кош айтышып кеткен учурлар да арбын кездешкен. Оорулуунун абалы начарлап кеткенде, же ал өлүп калган учурларда күнөөлүү деп табып сунуш кылган диетаны «туура эмес» кармаган оорулуунун өзү табылган.
Чындыгында эле, ачка болуу ыкмасы бир катар кооптуу факторлор менен коштолот. Алардын олуттуусу болуп ачка болуунун узактыгы саналат.
Кыргыз табыптары дарттуунун оорусуна жараша мүнөздөп тамактанууну сунуштаган. Диетаны кыргыздар мүнөз (фарс тилинен мижаз – адамдын ысыкчан, суукчан табы) деп аташкан. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда «мүнөз» термини төмөнкүдөй 2 мааниге ээ:
- Мүнөз – адамдын табынын ысык-суукка бөлүнүүсүн туюндурган элдик медицинадагы термин.
- Мүнөз – табына карай оорулууга, же ноокас адамга тамакты таптап, кылдат берүү. Тагыраак айтканда, сыркоо пенденин табынын ысыкчан, суукчандыгына карап, анын азыктануучу тамагынын мүнөзүн ажыратып, өз эрежеси менен ичирип туруу.
Тамырчы-табып Дүйшөнбек Чомо уулунун маалыматы боюнча «мүнөз» термини кыргыздар арасында төмөнкүдөй ар кандайча формаларда кездешет: 1) Талас, Кара-Балта жеринде «дүмбүлөз», 2) Ысык-Көл, Токмок, Чүй, Суусамыр, Жумгал, Токтогул, Жалал-Абадда «мүнөз», 3) Нарын, Кочкор, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу аймагында «мүзөс», 4) Кызыл-Кыя, Ноокат, Баткен, Лейлек чөлкөмдөрүндө «мизаз», «мижаз», «мизас» деп аталат [72: 9].
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун эмпирикалык багытына таандык болгон диетотерапиянын негизинде оору-сыркоолор менен аларды дарылоо ыкмаларын «ысык» жана «суук» деп аталган эки уюлдуу топко так кесе бөлүү жаткан. Табыптары адамдын организмин ысык жана суук башталыштардын алакасы сымал карама-каршылыктардын биримдиги, ал эми дартты бул алаканын бузулушу катары элестетишкен. Организмде ысык менен суук башталманын кайсынысы үстөмдүк кылса, дарт да ысык же суук деп аталган. Оорунун мүнөзүн аныктоодо кыргыз табыптары үчүн чечүүчү фактор болуп адамдын кан тамырынын кагышы, абалы эсептелген. Ошону менен катар эле бул башталмалар аркылуу ар бир адамдын оорусунун, о.э анын ысык менен суукка болгон кабылдоосун да аныктай алышкан.
Дарылоонун негизи максаты болуп ысык менен суук баштамалардын ортосунда бузулган тең салмактуулукту калыбына келтирүү, б.а., табып тарабынан сунуш этилген белгилүү бир мүнөздөп тамак ичүүнү сактоонун натыйжасында оорулуунун денесиндеги ысык менен суук катышы калыбына келип, оорулуу өзүн жакшы сезе баштайт. Кыргыз табыптары да тамак-аш менен дары-дармектерди ысык-суук деген эки түргө бөлүшкөнүн жогоруда айттык. Ысык оорулар суук, ал эми суук оорулар ысык тамак-аш же дары-дармек менен дарыланарына токтолдук.
Эреже катары, өтө так маанайдагы мүнөздөп тамак ичүүгө (диетага) негизделген кыргыз табыптарынын дарылоо тажрыйбасы бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Кыргыз дарыгерлери адам азыктануу жана сакаюу максатында кабыл алган тамак-аш менен дары-дармектерди да «ысык» жана «суук» деп бөлүшкөн. Бардык майлуу азыктар, эт, кымыз, каймак, быштак, кой менен топоздун сүтү, анар, бал, кара чай «ысык», ал эми ынак сүт, буудай наны, көк чай «суук» деп аталышкан. Адамдардын дене түзүлүшүн да «ысык» жана «суук», «кургак» жана «нымдуу» деп бөлүшкөн. Ошол себептен безгек сыяктуу ысытма менен коштолгон дарттардын учурунда эт жегенге тыюу салынып, сары суу деп аталган уйдун сүтүнөн алынган сары суюктукту (сыворотка) ичүү сунуш кылынган. И. И. Ибрагимовдун маалыматы боюнча да өтө катуу ысытма менен коштолгон оор дарттардын учурунда казактардын элдик салттуу дарылоосунда да оорулууга жалгыз гана сары суу беришкен [76: 128].
Н.Северцов Ормон хан менен болгон жолугушуусун сүрөттөп жатып, мындай деп жазат: «Ал ооруп жатыптыр жана мүнөздөп тамактануу аркылуу дарыланып жаткан экен. Анын ичкен жападан жалгыз тамак-ашы болуп айранга кайнатылган буудайдын акшагынан жасалган ботко эсептелинет. Ушундай мүнөздөп тамактануу аркылуу ал чекенди деп аталган кымбат баалуу чөптүн кайнатмасы менен системалуу түрдө дарыланууга даярданып жатыптыр» [199: 462].
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосундагы мүнөздөп тамак ичүү ыкмалары боюнан алдырган, кош бойлуу, оор төрөттү башынан өткөргөн, же жаңы төрөгөн аялдарга карата кеңири колдонулган. Алардын басымдуу көпчүлүгү өтө оор кесепеттер жана ден соолуктун олуттуу начарлоосу менен коштолгон. Оорулуу аялдын тамактануу мерчеми анын ден соолугунун жалпы абалына жараша болгон. Эгерде аялдын дене табы жогору болсо, анын дартын «ысык» деп атап, ага «суук» категориясына кирген азыктарды сунуш кылышкан. Тескери учурунда, б.а., кош бойлуулук мезгили, же төрөт менен байланышкан бардык аял оорулары аялдын дене табынын жогорулоосу менен коштолбосо, анда алар «суук» деп аталган да, оорулуу аялга «ысык», б.а., күчтүү тамактануу сунушталган.
Адатта, «суукчан» аялды уу коргошун менен дарылашкан. Ушул эле ыкманы, ашкере кан агуу менен коштолгон аялдын этек кир келүүсүн дарылоодо да колдонушкан. Кыргыз табыптарынын пикиринде мындай мүнөздөгү этек кир төмөнкүдөй эки себеп менен түшүндүрүлгөн: 1) аял мурда гонорея, же анын өтүшүп кеткен формасы менен ооруган жана азыркы учурда да аталган оорудан жапа чегип келүүдө; 2) этек кир келген учурунда жыныстык мамиледе болгон. Кан агууну дарылоонун жогоруда сүрөттөлгөн ыкмалары жана анын себептерин алдын алуудан сырткары, мындай аял төшөккө жатып, кыймылсыз дарылануу менен жакшылап жана мүнөздөп тамактанууга тийиш болгон.
Этек кирдин убактылуу токтоп калуусун кыргыз табыптары аялдын ден соолугунун начардыгы жана алсыздыгы менен түшүндүрүшкөн. Алардын пикири боюнча мындай көйгөй жакыр үйдүн аялына таандык, же бул илдет аялдын чарба иштеринен колу бошобой, жанын үрөп иштеп, суткасына 2–3 саат гана уктоону талап кылган жай мезгилдеринде арбын байкалат. Ушундай себептерден улам, этек кирдин токтоп калуусун алдын алуу үчүн аялга эс алуу жана күчтүү тамактануу сунуш кылынган. Кыргыз табыптарынын сөздөрүнө караганда жакшы тамактанган жана жумушту эс алуу менен туура айкалыштырган аялдардын этек кири эч качан убактылуу токтоп калбайт. Алардын пикири боюнча мындай ооруну айыктырууда куркулдайдын уясы жакшы жардам берет. Бул канаттуунун уясы жарым-жартылай, же толугу менен сууга эритилген. Бул эритмени дарттуу аялга чайдын ордуна күнүнө чексиз өлчөмдө ичүү сунуш кылынган. Эритмени ичээр алдында аны жакшылап чайкоо, аны ичип жаткан мезгилде күчтүү тамактануу жана узак мезгилге эс алуу милдеттүү шарт катары каралган.
Табарсыгы боштук «суук» ооруларга кирген. Ошол себептен, сыркоо баланы күчтүү тамактар менен багышкан. Койдун кыгы менен канынан даярдалган ысык суюктук куюлган чуңкурга олтургузуп, шыпаалуу буу алдыруудан мурда баланын курсагын тойгузуп, ага тузсуз эт менен шорпо беришкен. Табарсыгы бош бала үчүн эң пайдалуу азык деп койдун, уйдун жана жылкынын ичеги-кардынан, өпкө-боорунан даярдалган тамак-ашты аташкан.
Табыптардын пикиринде, айрым чоң адамдар да табарсыгы бош келишет. Бирок аларга карата жогоруда аталган шыпаалуу буулар дээрлик колдонулган эмес. Табарсыгы бош чоң адамдарды дарылоонун эң мыкты каражаты катары ичкен тамак-ашты жакшыртуу аталган. Ушул себептен, табарсыгы бош чоң адамдарга ушундай эле оорудан жапа чеккен балдарга сунуш кылынган жогорудагы күчтүү жана калориялуу тамак-аштарды ичүү талап кылынган. Кыргыз табыптарынын пикиринде чоң адамдардын арасында кездешкен табарсыгы боштук убактылуу илдет болуп саналат жана тамак-аштын жакшыруусу менен бул оору өтүп кетет.
Аял ооруларынын дарылоо жана аначылык өнөрү.
Кыргыз үй-бүлөсүндө наристенин, айрыкча, уул баланын төрөлүшү зор кубаныч менен коштолгон маанилүү окуя болуп саналат. Наристенин туулганын кабарлаган адамга сүйүнчү деп аталган баалуу белек тартууланып, колунда бар ата-эне төрөлгөн балага маңдай жарыла сүйүнүп, ошол балага элдин батасын алуу максатында той өткөрөт. Бул салт «Манас» эпосунда Манас төрөлгөндө Көкчолок менен аттанган Акбалта Кара-Суунун боюнда кара жалдуу кула бээ тууган аксур эркек кулунду телчитип турган Жакыпка келип: «Байбичең эркек тууду! Балаң эки колуна кан чеңгелдеп түшүптүр», – деп сүйүнчүлөйт. Жакып камдап жүргөн алтынын сүйүнчүгө берип, көп мал айтат [167: 209.].
Кыргыз табыптарынын түшүнүгү боюнча аялдын кош бойлуу учуру анын өмүрү менен ден соолугу үчүн өтө кооптуу мезгил болуп саналат [АТМ, Нарын району, 2007. 4]. «Аялдын бир ажалы – төрөт» делгендей, төрөт кош бойлуу аялдын өмүрү үчүн өтө кооптуу учур болуп саналган. Эреже катары, төрөт 2–3 саат убакытка созулуп, кыргыз аялдары жеңил төрөп, бала төрөлөр-төрөлгөнчө ат минип жүрө алышкан. Ошондой болсо да, төрөт кыргыздарды бушайманга салып, кооптондуруп келген. Аялдын толгоосу башталар замат ага аначыны же эмчини чакырышкан.
Элдик оозеки чыгармачылыктын материалдары боюнча аялдар чөк түшүп олтуруп, боз үйгө орнотулган баканга сүйөнүп алып төрөшкөн.
Эгер наристе башы же буту менен алга карай туулса, анда төрөт учурундагы баланын мындай абалы туура деп эсептелген. Ал эми төрөт учурунда наристе капталы менен жылса, анда баланын бул абалы туура эмес жаткан деп эсептешкен. Мындай жагдайлар түзүлгөн учурларда аначы же эмчи баланы башы же буту менен алга карай жылгандай кылып, анын абалын «бурган». Баланы зарыл деп эсептелген багытта «буруу» максатында төрөп жаткан аялды төшөккө чалкасынан жаткырышкан. Мында төрөп жаткан аялдын башынын деңгээли анын буттарынын деңгээлинен кыйла ылдый болууга тийиш. Аначы же эмчи төрөп жаткан аялды бир капталдан экинчи капталга оодаруу аркылуу «көлбүтүү» деп аталган ыкма менен баланы керектүү багытка «бурушкан». Качан гана бала зарыл багытка ээ болгондо, төрөп жаткан аял кайрадан баканга сүйөнгөн абалды ээлеген. Төрөт учурунда аначы, же эмчи төрөп жаткан аялды эч качан жалгыз калтырган эмес. Толгоо учурларында аначы төрөп жаткан аялдын курсагын басып, баланы керектүү багытка багыттап турган [АТМ, Ысык-Көл району, 2008. 4].
Төрөт өтө эле создугуп кеткен учурларда төрөтүү аракети абдан татаалдашып кеткен. Мындай жагдайларда төрөп жаткан аял төшөккө жаткырылып, толгоо күчөп кеткен учурларда гана ал баканга сүйөнүп олтура алган. Аначы же ага жардамга чакырылган аялдарды бири, айрым учурларда, атайы жардамга чакырылган алдуу-күчтүү эркек адам төрөп жаткан аялды артынан сыга кучактап, баланы сыртка чыгаруу максатында эки колу менен анын курсагын жогортон төмөн карай багыттагы кысым көрсөтүү кыймылдарын жасаган. Кыргыздар менен казактарда төрөтү создугуп кеткен аялга жардам берүүнүн ушундай ыкмалары болгондугун Н. Зеланд [74:1–78] да жазган.
Тон түшкөндөн кийин төрөгөн аял менен анын ымыркайынын ден соолугуна карата кам көрүү иштери аяктаган эмес. Тонго тийген зыяндуу, карасанатай иш-аракет кийин төрөгөн аял менен анын наристесинин ден соолугуна залака кылат деген ишенимдерден улам кыргыздар аялдын тонуна карата өзгөчө аяр мамиле кылып келген. Алдын ала жуулуп, тазаланган тон таза чүпүрөккө оролуп, андан соң киши менен мал баспаган, көздөн далдаа, кургак жерге көмүлгөн.
Төрөгөн аялдын жатыны түшүп кеткен учурларда, аны төшөккө жаткырардан мурда аначы анын жатынын ордуна койгон. Ал үчүн төрөгөн аялдын буттарын бийиктетип керегеге асып коёт. Төрөгөн аял сакая баштаганда, анын жогору карай керегеге асылып коюлган буту түшүрүлүп, ага ордунан турууга уруксат кылынган. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосу жаңы төрөгөн аялга сууга киринүүгө тыюу салат. Ошол себептен XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында жаңы төрөгөн кыргыз аялдары ысык кум менен тазаланган. Бул максатта таштардан ж.б. тазаланган кадимки кум очокко асылган казанга ысытылып, мезгил-мезгили менен аралаштырылып турган. Союлган койдун жаңы сыйрылган тери талпагы жүнү ылдый жакка каратылып, жерге төшөлүп, анын бетине ысытылган сары май шыбалган. Ушундай жол менен даярдалган койдун тери талпагын бетине казанда ысытылган кум ыпысык бойдон себеленген. Ысык кумду талпактын бетине калың катмар кылып тегиздеп жайып, анын үстүнө жука, бышык чүпүрөктү жабышкан. Энеден туума жылаңач аял башынан башка жерин жылуу төшөк менен ороп, чүпүрөк жабылган ысык кум муздаганга чейин олтурган. Мындай ысык кум менен тазалануудан соң аялдын башы анын буттарынын деңгээлинен ылдый болгондой кылып салынган жылуу төшөккө жаткырышкан. Жаңы төрөгөн аял мындай ысык кум менен тазаланууну 10 күн аралыгында күн сайын алып турууга тийиш болгон.
Ошентип, кыргыздардын элдик салттуу дарылоосуна төрөгөн аялга жардам берүү менен аял ооруларын алдын алуунун, аларды дарылоонун көп сандаган элдик ыкмалары менен каражаттары тээ байыртан эле белгилүү болуп келген.
Кыргыздардын салттуу дарылоосундагы хирургиялык ыкмалар жана айрым жөнөкөй аспаптар. Илимий маалыматтарга таянсак, адамдын организминдеги башка ткандарга салыштырганда сөөк тканы бир катар өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Анткени сөөктүн тканы сөөккө өзгөчө катуулукту берип турган минералдык туздарга бай келет. Сөөктүн химиялык курамы адамдын жашына, кабыл алган тамак-ашынын мүнөзүнө, адатына жана организмдеги зат алмашуусуна байланыштуу болот. Ар бир сөөк ар башкача кызмат аткаргандыктан, алардын түзүлүшү да бири-биринен кескин айырмаланып турат [81:18; 145: 15].
Сынык бүтүн сөөктүн бузулушу болуп эсептелет. Сөөктүн сынышы ар кандай оор жаракаттан (травмадан) улам пайда болот. Сөөк сынган мезгилде тери жана булчуң эттер зыянга учурабаса, анда мындай жаракат жабык сынык, ал эми аталган дене мүчөлөрү зыянга учуроо менен коштолгон жаракат ачык сынык деп аталат [81:18; 145: 15].
Ачык сыныктын түрлөрү: 1) сөөктүн түз чорт сынышы; 2) сөөктүн буралып сынышы; 3) сөөктүн кыйгачынан сынышы.
Сыныктын белгилери: сөөктүн түзүлүшү өзгөрүп, тегереги шишип кетет; сынган жер салаңдап, кыймыл жасоого мүмкүн болбой калат; сөөктүн сынган жерин кармап көргөндө, кычыраган дабыш угулуу менен ал жер катуу ооруйт; адамдын тынчын алат.
Элдик табыптар, сыныкчылар маалыматы боюнча сөөк сынганда биринчи жардам сынган сөөктү кыймылдабагыдай кылып, атайы жука тактай ж.б. нерселер менен шакшактап таңып, жабыр тарткан жерге «хирургиялык» ыкмаларды колдонушкан [АТМ, Кара-Суу району, 2005. 4].
«Манаста» жөнөкөй «хирургиялык» ыкмалар жөнүндө кабар бар.
Колу-буту сынганын,
Шак-шактарын жонушуп,
Соорунуна шапа-шуп,
Коюп жаткан дагы бар [96: 236].
Кай бир учурда эпосто шак-шактын кандай формада, кайсы жыгачтан жасалышы айтылат:
Буту сынган мунун деп,
Теректердин табышып,
Челек кылып чабышып, Оюп жүргөн андан көп [96: 291].
В.И. Кушелевский белгилегендей, «кыргыз табыптары миздүү куралдардан пайда болгон жараттарды укмуштуудай билгичтик менен дарылашат. Алар мындай жараттарга ар кандай талаа чөптөрүн басышат» [111: 402]. «Манас» эпосунда да элдик хирургия жана ошого байланышкан жөнөкөй хирургиялык аспаптар, сынган сөөктү айыктыруу ыкмалары тууралуу маалыматтар кеңири кездешет. Кыргыз дарыгери колдонгон аспаптардан эпосто жараны тиле турган скальпель формасындагы курч бычак – аштар жөнүндө маалымат кездешет.
Аштар, наштар – кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда колдонулган байыркы аспап. Кош миздүү болоттон жасалган курч бычак. Жоокердик замандагы негизги милдети жараттагы бузук канды чыгаруу болгон. «Манас» эпосунда аштар денеге сайылып, токтоп калган жебенин сыныгын же окту тилип чыгарып алуу үчүн да колдонулганы айтылат:
Сом этине калды деп,
Чыкпай туруп алды деп,
Аштар алып колуна
Тилип жаткан андан көп [164: 287].
Денеге токтоп калган жебенин сыныгын же окту аштар менен тилип алуу ыкмасын эпосто аштарлоо деп аталат [127: 130].
Денеде калган жаанын огунун ж. б. темир куралдардын сыныгынын канчалык тереңдикте жатканын билүү үчүн жана да окту ордунан козгоп, копшутуш үчүн колдонулган тинтүүр аттуу жөнөкөй аспап болгондугун «Манас» эпосу күбөлөйт.
Тинтүүр («тинт» деген этиш сөздөн) – элдик медицинада колдонулган аспап. «Манас» эпосунда чагылдырган тинтүүр көбүнчө уруш-салгылаштардан кийинки эпизоддорду сүрөттөгөндө учурайт. Мисалы, С. Орозбаковдун вариантында тинтүүр тууралуу төмөнкүдөй маалымат айтылат:
Сом жеринде ок бар деп, Тинтүүр менен копшутуп [85: 91].
Тинтүүр жаратка салып, адамдын денесине туруп калган жаанын огун, башка куралдардын сыныгын таап, канча тереңдикте жатканын билүү, ордунан копшуу үчүн пайдаланылган. Тинтүүр алтын, күмүш, темир зымдан жана эң эле айла кеткенде табылгыдан да жасалчу деген маалымат бар. Эпосто тинтүүрдүн коргошундан жасалганы эскерилет:
Сөөккө жакын ок бар деп,
Коргошун тинтүүр салыптыр [96: 516].
Тинтүүр тууралуу эпостогу маалыматтарды археологиялык табылгалар аркылуу бышыктоого болот. Мындай «сырдуу» аспапты 1971-жылы Тувада Хеличин суусунун
Энесай дарыясына куйган жеринде археологиялык казуулардын негизинде А.Д. Грач тапкан. Бирок 1979-жылга чейин бул буюмдун аткарган кызматы так аныкталган эмес. Муну аныктоодо «Манастын» ж. б. кыргыз эпосторунун материалдары зор жардамын тийгизген. Бул археологиялык табылга темир зымдан жасалып, сөөк кынга салынган. Болжол менен узундугу – 14–15 см келет, зымдын жоондугу – 0,5 см. өзөгү (зым) кутудан 1–2 см. чыгып турат. Аталган буюм IX–X кылымдарда жашаган энесайлык кыргыздардын мүрзөсүнөн табылган. Бул азыркы кыргыз этносунун энесайлык кыргыздар менен байланышы бар экенинин күбөсү болуп эсептелет. Ошону менен катар эле бул аспап байыркы кыргыздарда элдик хирургия өнүккөнүн көрсөтөт.
Сагынбай Орозбаковдун вариантында шимшүүр деген да бир аспаптын аты эскерилет:
Ок жуткуруп окшотуп,
Сом эттеги окторду,
Шимшүүр менен копшошуп,
Тилип жаткан дагы бар [97: 235].
Мисалы, «Мажму ат-таварих» боюнча Манас кансырап, оор абалда калганда Канбай бакадур деген киши согуш майданынан атка мингизип алып чыгып кетет. Аны Каракожо деген адам дарылап, денесинен бир топ жаанын огун чыгарат [119: 69].
«Манастын» ар кандай варианттарында жаанын огун денеден чыгаруу ыкмалары тууралуу учкай түрүндө болсо да кездешет. Мисалы, Сагынбай Орозбаковдун вариантында кытайдын Кулутка деген жоокерине жаанын огу тийгенде төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Алты илгер барганы Дары сыйпай салганы. Сыйпаган болуп дарыны, Окту тартып алганы.
Тартканында ок чыкы
Окко кошо көк чыкты.
Көк аралаш кан чыкты [97: 194].
Жараттан аккан канды токтотуу ыкмасы. Илимий деңгээлдеги хирургия кыргыз табыптарына тааныш эмес болгон, ал тургай алар асептика жана антисептика тууралуу эч нерсе билишкен эмес. Ошондой болсо да ачык жана жабык мүнөздөгү сыныктар учурунда кыргыз табыптары жаратка чалдыккан жумшак ткандардан аккан канды күйгөн кийиз менен токтотуунун өзгөчө ыкмасын билишкен. Алар жаратка күйгүзүлгөн кийиздин күлүн сээп, же күйгүзүлгөн курумшуну басышса да, жарат ириңдеп кеткен учурлар кездешкен эмес. Канды күйгөн курумшу менен токтотуунун дарыгерчилик ыкмалар «Манастын» саптарында чагылдырылган. Мисалы, элдик медицинада кеңири белгилүү болгон аккан канды ысык кийиз менен басып токтотуу жана териге отургузуу тууралуу Ч. Валиханов жазып алган текстте мындайча баяндалат:
Капырдын каны Жолойдун
Жаагынан каны жыйылбай,
Кызыл суу болуп акты эле,
Жолом үйдөн кийизди
Кыйып келип жапшырды, Ошондо тыйылып калды дейт.
Токсон өгүз терисин Каптап эле кийди дейт
[Кол жазмалар фонду. 5187-инв. 99]
Бузук канды, же ириңди сордуруп алуу ыкмасы.
«Манас» эпосунун материалдары боюнча кыргыз табыптары сүлүк курттардын, же оңконун жардамы аркасында денедеги жаман канды, б.а., ооруган жерден кан сордуруп алуу ыкмасын жакшы билишкен. Бул максатта алар адамдын ар кайсы жерине сүлүк курттарды коюшкан.
Кыргыз табыптары чыйканды жана тикенек кирип кеткен жерди кол менен сыгып, жараттын ордун кан чыкканча ооз менен соруп, андан соң ал жерди чүпүрөк менен бекем таңып коюуну сунуш кылышкан. Дарылоонун ушундай эле ыкмалары жылан, же уулуу курт-кумурска лар чаккан жерди дарылоодо да колдонулган. Кыргыз табыптары дарттуу адамдын денесинен бузук канды ооз менен соруп алуу ыкмасын да билишкен. Кызыл жүгүрүктү (ревматизмди) дарылоодо алар шишиктин өтө кызарып турган жерин курч устара менен бир аз тилип алып, табып оозу менен оорулуунун канын улам соруп алып, улам сорулган канды жерге түкүрүп турган. Мындай максатта табыптар өзүнүн оозу менен оорулуунун денесин байланыштырып, уйдун мүйүзүнөн жасалган атайы түтүкчөнү колдонушкан. Уйдун мүйүзүнүн курч учу кесилип салынып, атайы эмчилик мүнөздөгү түтүкчөгө айландырылган. Ооруган жерден кан алууга, канды, ириңди, денеге туруп калган желди сордуруп таштоого колдонуучу табыптардын уйдун мүйүзүнөн жасалган аспабы, түтүкчөсү картык деп аталган.
Картык кыргыздар арасында илгертен эле кеңири таралып, суук тийген, жел турган жерге оңко (медициналык айнек банка) сыяктуу коюлган. Бузулган канды сордуруп алуу үчүн колдонулган картык деген аспап «Манастын» саптарынан да кездешет. «Манас» үчилтигинин «Сейтек» бөлүмүндө далысынын кечири кесилип жараланган Күлчорону табып аяш атасы Момунжан ириңдеген жарага картык коюп, таза эмес кандарды сордуруп, дарылаганы эскерилген. Картык негизги варианттарда көпчүлүк окуяларда баяндалат. Картык жөнүндө кенже эпостордо да кеңири маалымат берилет.
Түтүкчөнүн жоон жагы бузук канды соруп алуу үчүн оорулуунун денесинин курч устара менен алдын ала тилинип алган жерине орнотулган. Мүйүздүн ичке жагын оозуна салып жана аны эч кыймылдатпастан туруп табып түтүкчө канга толмоюнча, же жетишээрлик кан алынмайынча, бузук канды соро берген. Көпчүлүк учурларда табып түтүкчөнү оозуна жакындатуу менен өз оозуна «тыгын» катары пайдаланылган кичирээк кагазды, же чүпүрөктү салып алат. Ал мүйүздүн ичиндеги абаны соруп алып, тилинин жардамы менен түтүкчөнүн ичке жагын оозундагы кагаз, же чүпүрөк аркылуу тыгындайт да, соруу процессин токтотот. Мүйүздү оозунан чыгарып, ал колу менен да тыгынды бекемдейт. Мындай вакуумдук ыкманын натыйжасында мүйүз автоматтык түрдө бузук канга толуп чыгат.
Н. Зеланд кан чыгаруунун дагы бир ыкмасын эскерген. Кыргыз жана казак табыптары тууралуу кеп кылуу менен ал мындай деп жазган: «Алар өз денесине сүлүк курттарды коюшат, же жоон камыш түтүк аркылуу канды шишиктин үстүнө соруп чыгарышат» [74: 1–78]. Картык колдонуу аркылуу кан чыгаруу ыкмасы казактардын, бухаралык еврейлердин, казандык татарлардын элдик салттуу дарылоосунда да кездешет.
Шыпаалуу буу менен байланышкан дарылоо. Өз мезгилинде баспаган балдарды кыргыздар «бечел» деп аташкан. Баланын узак мезгилге олтуруп калуусунун себептерин кыргыз эмчилери билген эмес. Ошондой болсо да алар аталган ооруну дарылоо аракеттерин көрүшкөн. Кыргыз табыптары мындай баланы жаңы эле союлган уйдун, же жылкынын карынындагы жылуу массага жин олтургузууну сунуш кылышкан. Бул максатта казан сымал чуңкур казылып, ага жүнүн ылдый каратып жаңы союлган уйдун, же жылкынын терисин жабышкан. Карындын ичиндеги жылуу масса чуңкурга жабылган териге төгүлгөн. Алдын ала чечинтилген бечел бала бул шыпаалуу бууга олтургузулуп, үстүнөн жылуу жууркан жабылган. Бул калыбында бала үч саатка чейин олтурган. Карындын массасы муздап кетпес үчүн теринин астындагы чуңкурга уйдун, же жылкынын этинен алынган ысык сорпо мезгил-мезгили менен төгүлүп турган. Бечел бала үчүн мындай дарылоо аракети мүмкүн болушунча арбын жасап туруу сунуш кылынган. Айрым учурларда уйдун, же жылкынын карынынын ордуна койдун карыны да пайдаланылган. Бирок өзүнүн шыпаалуу касиеттери боюнча койдун карыны уй менен жылкынын карынына караганда бир кыйла ылдый бааланган.
Жаш балдардын заарасы токтобогондугун кыргыз табыптары суук тийүү, баланын организминин чабалдыгы жана бечелдиги менен түшүндүрүшкөн. Бул кеселди алар койдун кыгы жана каны менен дарылашкан. Койдун жаңы кыгы менен анын жылуу канынан пайда болгон суюк аралашманы алар казанга ботко абалына келгенге чейин кайнатышкан. Кээде койдун жаңы тезегин анын карынындагы масса (жин) менен алмаштырышкан. Алдын ала чуңкур казылып, ага жаңы союлган койдун териси жүнү ылдый жакты карап жабылган. Казанда кайнаган кан менен кыктын ысык аралашмасы чуңкурга жабылган териге төгүлгөн. Бала чечинтилип, ысык массага 2 саат убакытка үстүнөн жууркан жабылган калыпта олтургузулган. Ал муздаган сайын мезгил-мезгили менен ага койдун этинен алынган ысык сорпо төгүлүп турган. Баланы чуңкурдан алар замат аны жылуу сууга чайынтып, андан соң жылуу төшөккө жаткырышкан. Бала төшөктө үч күн жатуусу тийиш болгон. Дарылоо аракети үч жолу кайталанган.
Койдун кыгы, же карынындагы массасы (жин) менен жылуу канынан даярдалган шыпаалуу буу башкача ыкма менен да уюштурулган. Койдун карынындагы жини менен канынан кайнатма даярдалган. Оорулуу мындай кайнатманын үстүнөн чыгып жаткан ысык бууга олтургузулган. Бул максатта ысык кайнатма бууланып жаткан казандын үстүнө чий, же кийиз жабылган. Оорулуу ичикке, же жуурканга оронуп, ошол чийдин, же кийиздин үстүнө олтурган. Мындай шыпаалуу буулоону күн сайын кечинде, уктаар алдында, 15–20 күн аралыгында жасоо сунуш кылынган. Ушундай эле шыпаалуу буу дарылоосу табарсыгы бош адамга үй шартында жасалган самындан (шакар) даярдалган самындуу суу түрүндө да сунуш кылынган. Шыпаалуу буудагы самын, же шакар канчалык көп болсо, ал илдеттүү үчүн ошончолук пайдалуу деп эсептелинген. Мындай шыпаалуу буу дарылоосун уюштуруу жана кабыл алуу тартиби койдун кыгы менен канынан даярдалганына абдан окшош болгон. Бирок шыпаалуу касиеттери боюнча самындуу буу дарылоосу койдун кыгы менен канынан даярдалганына караганда бир кыйла төмөн деп бааланган.
Укалоо ыкмасы. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосундагы организмге физикалык таасир көрсөтүү аркылуу дарылоонун эмпирикалык каражаттарынын бири катары укалоо ыкмасын атоого болот. Укалоо, же массаж (французча таззаде, арабча масс – тийгизүү, сылап-сыйпоо) деп дарылоо, же гигиеналык максатта дененин үстүңкү бөлүгүнө, же кандайдыр бир органга (мисалы, жүрөккө) атайы ыкмалардын жардамы аркасында механикалык таасир көрсөтүү аталат. Массаж тер жана май бөлүп чыгарууну күчөтөт, кан жана лимфалардын айлануусун, зат алмашууну жакшыртат, нерв системасынын бузулушу менен байланышкан ооруларды сакайтып, адамдын уйгу-туйгу сезимдерин тынчытат [57:16; 211: 63]. Улутубуздун элдик салттуу дарылоосунда укалоо ыкмасы «далыны көтөрүү» аталган өзгөчө мүнөздөгү массаж менен тыгыз байланыштуу.
Бала себепсиз оорудан арыла албай, уйкусу качып, алсырап, себепсиз эле тынымсыз ыйлап, уктабаса, арыктап, бою өспөсө, жалпы жонунан, анын денесинин өсүүсү чабал болсо, кыргыз табыптары милдеттүү түрдө «далыны көтөрүү» ыкмасын колдонушкан. Бул учурда табып баланын сөөгү этке, эти сөөккө, сөөктөрү бири-бирине, анын ичинде, кабыргалар бири-бирине жабышып калган (куу далы) деген тыянакка келген. Кыргыз табыптардын түшүнүгүндө баланын мындай абалы кандайдыр бир дарттын өтүшүп кетүүсүнүн натыйжасы болуп саналат жана оорулуу баланын организминде бузулган кандын топтолуп кетүүсү менен түшүндүрүлөт. Бирок кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда жаш балдардан кан алуу ыкмасы дээрлик колдонулган эмес. Жогоруда сүрөттөлгөн оору «далыны көтөрүү» деп аталган өзгөчө укалоо жардамы аркасында дарыланган.
Баланын абалы жогорудагыдай абалга ээ болгондо, табып баланын бүткөн бою бүт ооруп жатат деген бүтүмгө келген. Ошондуктан, баланы жумшак төшөккө жаткыруу, же колго көтөрүп туруу сунушталган. Сөз болуп жаткан массаж төмөнкүдөй формада жасалган: алгач баланын денеси койдун куйрук майы менен майланып, андан соң далыны көтөрүү башталган. Массаж күнүнө бир жолу бир жума аралыгында жасалган. Ал баланын көкүрөк сөөгүнө багытталып, табып далыны өзү жабышкан кабыргалардан бөлүп ала алса, бала сакайып кетет деп боолголонгон. Балага массаж жасоо менен эмчи аял терини эттен, этти сөөктөн, сөөктү бири-биринен, биринчи кезекте, далыны кабыргалардан бөлүп алууга аракеттенип, бармактары менен далынын астына басым жасап укалаган. Бир массаждан экинчи массажга чейин баланын далысына койдун куйрук майынан жасалган компресс тартылган, баланын денесинин башка жактары болсо аталган май менен майланып гана коюлган.
Бирок «далыны көтөрүү» учурунда баланын далысына сүйкөлүүчү, же компресс катары коюлуучу эң шыпаалуу жана мыкты каражат катары жылкынын чучугу саналган. Жылкынын чучугу жогоруда сүрөттөлгөн койдун куйрук майы сыяктуу эле колдонулган. Жылкынын чучугу жок болсо, анын ордуна балыктын майы пайдаланылган. Оорулуу баланын далысы менен көкүрөгүнө балыктын майын сүйкөп, бул майга чыланган төөнүн жүнүн далыга компресс катары тартышкан. Балыктын майын балага ичирүү практикасы да кеңири жайылтылган. Оорулуу бала суткасына 2–3 чай кашыктан ашпаган балыктын майын ичүү сунуш кылынган. Ошондой эле балдардын бардык ооруларын айыктыра турган ар тараптуу каражат катары койдун майы саналган. Бул май менен баланын бүткүл денесин майлап, андан соң баланы күйүп турган оттун жанына тердегенче олтургузуп, жылуу жуурканга ороп уктатышкан. Бул дарылоо аракети күн сайын кечинде бала толук сакайып кетмейинче кайталанган.
Жалпы жонунан, суу менен дарылоо ыкмасы отту, сууну, жерди жана адамды курчап турган башка конкреттүү нерселерди фетишизациалоонун натыйжасында пайда болгон. Сөз болгон фетишизмге мүнөздүү саркындылар менен калдыктар дарттууларды айыктыруу ишинде да сакталып калган. Мисалы, Ф. Поярковдун маалыматы боюнча эн же булак оорусун (золотуха) төмөнкүчө дарылашкан: «Эки чырак жагып, алардын жанына булактын суусун коюшат да, бир нече жолу бул сууга ант беришип, андан соң ошол суу менен кулакты жуушат» [185: 89–99, 186: 42]. Балдар оорулары менен кычыткыны (чесотка) айыктырууда да кыргыз эмчилери жогорудагыдай эле дарылоо аракетин жасашкан. Жыгач аяктын кап ортосуна чейин суу толтуруп, эмчи ошол аякты оорулуунун башынан тегеретип, андан соң сыртка чыгып, аяктагы сууну төгүп салган. Дарылоо аракетинин учурунда эмчи оорулуунун тезирээк сакайып кетишин тилеген ниеттеги сөздөрдү сүйлөгөн. Дарылоо аракети мындан артык ишаракеттерди талап кылган эмес.
Кыргыздардын элдик салттуу дарыгерлигинде сууну дарылоо максатында колдонуунун – сууну ичирүү, суу буусу, компресстер, сууга жуунуу, же киринүү сыяктуу негизги ыкмалары болгону аныкталды.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун эмпирикалык каражаттарынын ичинен кызыл жүгүрүктү (ревматизм), тукумсуздукту, котон жараны (сифилис), муун ооруларын, шал оорусу (паралич) ж.б ооруларды дарылоодо минералдуу ысык булактардын шыпаалуу касиеттерин колдонуу көрүнүктүү орунду ээлеген. Көп учурда арашан суулары менен ысык булактар «ыйык жер» деп табылып, андагы сууга жатуу аркылуу дарыланууну чечкен адамдар оорусунан толук сакайып кетүү максатында куран окуу, дуба келтирүү, курмандык чалуу ж.б. магиялык иш-аракеттерди да кылышкан.
Элдик салттуу дарылоо да, азыркы расмий медицина да адамдын организмин уулануудан толук түрдө тазалап чыгуучу бир да медикамент, же дары-дармек жок деп так кесе белгилейт. Ошол себептен, байыркы грек дарыгери Асклепиад сыяктуу эле кыргыз табыптары да бир катар ооруларды дары-дармектин эмес, тамак-аштын мүнөзүнө жараша дарылоону жактырышкан. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунда туура эмес тамактануунун натыйжасында денеге толуп кеткен уулуу заттарды чыгаруунун жападан жалгыз жолу, дартты толук түрдө сакайтуунун эң эле радикалдуу жана тез ыкмасы катары ачка болуу аталган. Кыргыздар тарабынан колдонулган ачкалык менен дарылоо практикасы дүйнөнүн көп сандаган элдеринде кездешкен. Айтылгандардан улам, ата-бабаларыбыз ачка болуу аркылуу оорулуу адамдын ден соолугу калыбына келээрин азыркы илимий медицина пайда болгонго чейин эле практика жүзүндө далилдеген.
Салттуу эмчиликте дарылоонун негизги максаты болуп ысык менен суук башталмалардын ортосунда бузулган тең салмактуулукту калыбына келтирүү, б.а., табып тарабынан сунуш этилген белгилүү бир диетаны сактоонун натыйжасында оорулуунун денесиндеги ысык менен сууктун пропорциясын калыбына келтирүү аркылуу организмди сакайтуу эсептелген. Албетте, мындай теориялык жобо менен ага ылайыкташтырылган дарылоо практикасы баёо, примитивдүү мүнөздө болгон. Ошондой болсо да байыркы кыргыздардын эмпирикалык, анын ичинде, медициналык билимдери биздин байыркы ата-бабаларыбыз дүйнөдөгү кубулуштар менен нерселердин карама-каршылыгы жана алардын ортосундагы байланыштар өтө жалпы, ар тараптуу мүнөздө экендигин стихиялуу-диалектикалык маанайда түшүнө билишкен. Алар дүйнөдө карама-каршылыксыз эч нерсе жок, ал эми карама-каршылыктар кандайдыр бир нерсеге же кубулушка биригип, бири-бирисиз жашай албастыгын туура түшүнүшкөн.
Эне болуу бакыты менен жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугуна бөгөт болгон айрым жагымсыз жагдайлар орун алган. Алардын катарына, ири алдыда, бойдон түшүү, төрөттүн оор болушу, төрөгөн аял менен ымыркайдын жеке гигиенасы, баланы багуу ж.б. кирген. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, чалкасынан жатып алып төрөгөн аялдарга караганда чөк түшүп олтуруп алып, тигинен туруп же басып жүрүп төрөгөн аялдардын төрөтүнүн узактыгы бир кыйла кыска болот, аялдарга карата ооруксунууну азайтуучу дарылар аз колдонулат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тике туруп төрөгөн аялдардын баласынын жүрөгүнүн согуусу бузулган эмес [177: 25]. Албетте, кыргыз аялдары мындай заманбап илимий теориялар менен изилдөөлөрдөн алыс болгон. Бирок этнографиялык материалдар менен элдик оозеки чыгармачылыктын материалдары боюнча биздин апалар чөк түшүп отуруп, боз үйгө орнотулган баканга сүйөнүп алып төрөшкөн.
Кыргыз аначылары менен эмчилери төрөт мезгилинде хирургиялык кийлигишүү ыкмасын билген эмес. Бирок баланы бутунан, же колунан алып сууруп чыгуу ыкмасы кыргыз аначылары тарабынан кеңири пайдаланылган. Аялдын тону түшпөй жатканда да, аргасыз ыкма катары аначы тонду колу менен сууруп чыгууга мажбур болгон. Тонду колу менен сууруп чыгардын алдында аначы колун суу менен дыкат жууп, жуулган колдорун сөзсүз койдун майы менен майлаган.
Кыргыздардын илгерки көчмөн турмушунда элдик хирургия болгон. Сыныкчы-табыптарды элдик хирургдар деп атоого толук негиз бар. Сынган сөөктү сакайтуу, жөнөкөй операцияларды жасай билүү жана шак-шак, аштар, тинтүүр, шимшүүр сыяктуу жөнөкөй хирургиялык аспаптардын биздин күндөргө чейин келип жетиши мунун далили. Сөөгү сынган оорулууларга табыптар мумия ичиришкен. Бул маалыматтар ата-бабалардан азыркы мезгилдеги урпактарга чейин оозеки түрүндө жеткен. Мисалы, «Манас» эпосунда жогоруда айтылган дары заттар жана элдик дарылык ыкмалардын көпчүлүгү анын бардык варианттарында кездешет.
Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосундагы организмге физикалык таасир көрсөтүү максатын көздөгөн дарылоонун жараттан аккан канды токтотуу, бузук канды, же ириңди сордуруу, сууга жаткыруу жана шыпаалуу буулар менен дарылоо, укалоо сыяктуу эмпирикалык каражаттары да болгону тастыкталды. Кыргыздардын элдик салттуу дарылоосунун эмпирикалык жана рационалдуу багытынын негизги өкүлдөрү катары табып менен аначы саналат. «Манас» эпосунда эпикалык душман тарабынан ууланган башкы баатырды жана кыйналып, кордолуп жазаланган оң каарманды элдик медицинанын ыкмалары менен дарылоочу дарыгер да табып деп аталган.
САЛТТУУ ДАРЫГЕРЧИЛИКТИН КЫСКАЧА СӨЗДҮГҮ
ХХ кылымдын башындагы батыш маданиятынын ички кризиси менен Чыгыш өлкөлөрүндөгү революциячыл маанайдагы маданий өзгөрүүлөрдүн процесси евроцентристтик көз караштарды сынга алууга жана анын маданий-тарыхый жоболорунун чектүүлүгүн моюнга алууга түрткү берген. Мисалы, физикалык жана психикалык машыгуулардын (йога, ушу ж.б.) Чыгышка таандык ыкмаларына, дзэн-буддизм, кришнаизм ж.б. мистикалык мүнөздөгү диний-философиялык системаларга массалык кызыгуу Батыш цивилизациясынын өкүлдөрү өздөрүнө таандык адамдын чыгармачыл күчтөрүн кишендеп, аны эмоциялык-психологиялык сарсанаага батырган технологиялык коомдон оригиналдуу психотехниканын жардамы аркасында бошонуу аркылуу өз жашоосуна жаңы мазмун жана форма берүү далалатын күбөлөйт.
Авиценна – «Канун Фитт-тибб» («Медицина илиминин канону») деп аталган китебинде болжол менен 900 чамалуу дары-дармек өсүмдүктөрүн менен аларды колдонуу ыкмалары кеңири сүрөттөлгөн // Караңыз: Гончарова Т. А. Энциклопедия лекарственных растений. – М.: Дом МСП, 1997.
Аначылык өнөрү, же акушерлик – (французча accoucher – төрөткө жардам берүү) – медицинада – клиникалык медицинанын кош бойлуу мезгилде, төрөт убагында, төрөттөн кийин аялдын организминде болуучу физиологиялык жана патологиялык өзгөрүүлөрдү изилдөөчү тармагы. Акушерлик илимий медицинанын эң байыркы тармактарынын бири болуп саналат. Акушерлик аялдардын жыныс мүчөлөрүнүн оорусу жөнүндөгү илим – гинекология менен тыгыз байланышта. Ал кош бойлууларга, төрөткө натыйжалуу жардам берүү жана төрөттөн кийин болуучу кабылдоолордун (кан кетүү, сепсис ж.б.) алдын алуу чараларын көрөт. Эне менен баланын саламаттыгын сактоо максатын көздөйт.
Антисептика – (грекче аnti – каршы, septikos – ириң жаратуучу) – химиялык (антисептикалык каражаттар), же биологиялык методдор аркылуу патогендүү микробдорго таасир берүү менен инфекциялуу жараттарды жугузууну жана аларды дарылоону алдын алган метод. Бул ыкма 1867-жылы Дж. Листер тарабынан сунуш кылынган // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией Прохорова А.М. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 57.
Апы, апы-үпү – эпосто жана жалпы эле кыргыз фольклорунда дарынын аты. «Апы деген бир дары, Төмөнкү кең Мысырдан алдырды» [Каралаев С. Манас. 2-том. 226-бет]. Ал эми «Жаныш- Байыш» эпосунун О. Урманбетов айткан вариантында апы деп кыргыздар апийимди айткандыгы эскерилет [Караңыз: Манас. Энциклопедия, 1995. – Т. 2. 361-бет].
Ачкачылык менен дарылоо – ачка болуу оорулуу денени ден соолугу чың денеге айландыруунун эң эле радикалдуу ыкмасы болуп саналат. Адамдын денесин кычкылдандыруу машинасы менен салыштырып көрөлүчү. 24 саат ичинде организмде 360 грамм май өлчөмүндөгү отун жагылат. Эгерде биз мындай отунду жагууну токтотсок, организм дароо эле өзүн отун менен камсыз кылуу процессин өзгөртөт да, кычкылдандыруу процесси дененин ичиндеги запастардын эсебинен улам улана берет. Мындай запастар эмнеден турат? Адамдын денесинде табият тарабынан жасалган өзгөчө мүнөздөгү экономика иштеп турат. Ушул экономикага ылайык, алгач организм чор (наросты), карт (струпья) сыяктуу көп жылдардан бери денеге толуп, анын туура иштөөсүнө бөгөт болгон керексиз жана ашыкча ткандарды отун катары жага баштайт. Ачка болуу учурунда 57 кг салмакка ээ адам орточо эсеп менен күнүнө 360 грамм салмак жогото баштайт. Эреже катары, ачка болуунун алгачкы эки күнү эң татаал болуп саналат. Бул күндөрү ачка болуу нервденүү, кыжаалаттануу сезимдери менен коштолот. Ачка болуунун экинчи жана үчүнчү күндөрүндө алсыроо, кээде жеңил баш айлануу, жалкоолонуу сезимдери пайда болуп, мындай сезимдер беш күнгө чейин созулат. Мындан соң, пациентти таң калтырып, ачка болуу сезими жоголот да, анын ордуна өзүн жеңил, сергек сезүү, акыл-эс тунук болгонсуган сезимдери пайда боло баштайт. Бул учурда көпчүлүк ноокастардын тамакка табити тартпай, ал тургай, тамакты көргүсү келбей калат. Ноокас күнүнө 180 граммдан 1,5 кг га чейин салмак жоготсо да, салмак жоготуунун орточо көрсөткүчү күнүнө 360 граммдан ашпайт. Ачка болуу терапиясы ашкере семиздик жана ашкере арыктык сыяктуу бири-бирине карама-каршы болгон ооруларды бирдей деңгээлде дарылаганы таң калыштуу. Ачка болуу терапиясы аяктагандан кийин адамдын денеси нормалдуу салмакка келет. Туура ачка болуудан соң ашкере толук адамдар өздөрүнүн мурунку салмагына кайра кайтышпайт, ал эми ашкере арыктар болсо бир нече күн ачка болгондон кийин эле денесине салмак кошо башташат.
Арча культу – кыргыздар тарабынан айрым бак-дарактар «ыйык» деп өзгөчө кастарланган. Мисалы, изилдөөчү Ф. Поярков «аса-муса» таягын пайгамбар Мусанын (Моисейдин) арча («аса» деп бурмаланып айтылса керек) таягы катары чечмелейт[1]. Белгилүү болгондой, кыргыздар байыртан эле арчанын түтүнү менен үйүн аластап, жашоо чөйрөсүн булганыч нерселерден тазалоону көздөшкөн. Балдарды жаман көз менен жаман сөздөн сактоо максатында арчадан жасалган көз мончок жана тумарларды даярдашкан. Ар кыл дарттар менен жин-шайтандардан коруу үчүн бакшылар аса-муса таягын колдонушкан. В.Ф.Груздевдин маалыматы боюнча казандык татарлардын пикири боюнча жин-шайтандар арчадан коркушкандыктан, «жин-шайтандан келген дарттардан адамды коруу максатында төрт кырдуу арчаны пайдаланышкан»[2][3]. Арчага карата ушундай эле мамиле тажиктер менен алтайлыктарда да кездешкен[4].
Асептика – (грекче а – жок, septikos – ириң жаратуучу) – хирургиялык операциянын учурунда жана башка жагдайларда жаратка, тканга же дененин жаралуу бөлүгүнө кирип кеткен микробдорду профилактикалоо (мисалы, медициналык инструменттер менен жабдыктарды стерилизациялоо) методу // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.:«Норинт», 1998. – С. 75.
«Аюрведада» – (б.з.ч. I кылым) чагылдырылган байыркы Индиянын медицинасы болжол менен 800 өсүмдүктү дары-дармек катары пайдаланган жана бүгүнкү күнгө чейин аларды пайдаланып келе жатат. Б.з. III кылымынан тартып Индияда дары-дармек өсүмдүктөрүн атайылап өстүрүү иши башталган.
Бал ачуу – койдун далысын, күзгүнү, китепти карап туруп, адам тагдырынын келечегин, боло турган окуяларды колдогону бар касиеттүү адам айтып бере алат деген диний түшүнүк. Шаманизмдин калдыгы катарында эпостун көпчүлүк варианттарындагы ырым-жырым окуяларында эскерилет. Манастын чоролорунун ичинде да кандайдыр бир табигый күч колдогон, боло турган окуяларды алдын ала төлгө тартып, же далы көрүп билүүчүлөр болгон. Баатыр Манастын «Төлгөчү Кара Төлөгү, Агыдай далы көрүүчү, Ашкере айтып берүүчү» чоролорунун бар экендиги айтылат.
Балык – адам сарык оорусунан жапа чегип жаткан учурда кыргыз эмчилери тирүү балыкты узак мезгилдер бою тиктөөнү сунуш этишкен. Акырындык менен балык саргарып өлөт да, адам өз дартынан кутулат деп ынанышкан.
Барпы – эпос боюнча кытай хандарын жашартып, узак жашатыш үчүн табыптар атайы даярдаган дары. Сагынбай Орозбаковдун вариантында барпы дарысын даярдоо ыкмасы төмөнкүчө баяндалат. Эсенкандын буйругу боюнча табыптар элдин он бир жаштагы өтө сулуу уул-кыздарын чогултуп, бөтөн жан каттабаган ээн асем сарайда бир кыз, бир баладан жуп кылып багышат. Адегенде аларды күндүз бирге коюп, түн ичинде бөлүп кетип турушат. Күн өткөн сайын бири-бирине ашыктыгы күчөгөн аларды уламданулам сейрек кездештирип, аябай куса кылышат. Ошентип кыз-жигит он алтыга келип, бири-бирисиз жашай албаган абалга келгенде, кошулгула деп дары чыланган таш карапага киргизип, оозун бекитишет. Ашык болгон жаштар кучакташкан бойдон жан берет. Карападагы чыланган дарыдан денелери 3–4 жылда буламыкка айланып, андан падышалык дары барпы даярдалат. Алмамбет Кытайда аскер башы кан болуп турганда барпы даярдоого туткундалган балдар-кыздар жөнүндө кокусунан билип калып, аларды бошотуп, мындай залимдикке барган кытай хандарына кыжырланганы өзүнчө чакан эпизод болуп берилет.
Бата ишаараты – ак тилектер менен ниеттерди каалап, «оомийин» сөзү менен коштолгон ишаарат[5].
Эки колдун алакандары бир мезгилде адамдын жүзүнө карай көтөрүлүп, андан соң жүздү жеңил сылай чекеден ээктерге карай жылмышып түшөт.
Бата ишаараты төмөнкү учурларда пайдаланылат:
- куран окулуп, же сыйынып бүткөндөн кийин;
- тамак ичээрдин алдында жана аягында;
- курмандык чалаар алдында;
- жаңы төрөлгөн балага, же жаңы үйлөнгөн жаштарга жакшы каалоо-тилек айтууда;
- сөөк коюу учурунда, же өлгөн адамга куран окутканда (куран окулуп бүтүп, өлгөн адамдын туугандары менен жакындарына кайрат сөздөрү айтылган соң келген меймандар келечекте бул үйдө жакшылык, той болуусун тилешет. Бул ырым чогулган элдин бардыгы «бата» ишааратын жасап, «оомийин» деген сөздү айтуу менен аяктайт).
Бешик той, үйлөнүү үлпөтү, юбилей ж.б. тойлордун максатына жараша «бата» ишаараты бир катар атайы каалоо-тилектерди алмаштыра алат.
Мисалы:
Балага бата берүү жөрөлгөсү:
Көтөр бала билегиңди, Кудайым берсин тилегиңди. Бак карасын, Кыдыр даарысын.
Айыкпас балаадан, Жок жалаадан сактасын. Ата-бабалардын арбагы колдосун, Эч жамандык болбосун[6].
Кошойдун батасы менен Каныкейдин боюна бала бүтүшү:
Манас менен Каныкей көпкө балалуу болбой, алп балалуу болуш үчүн Каныкей атайын төмөнкүдөй аракеттерди жасайт:
Бабам Кошой кийсе деп,
Бала үчүн жүрөм ынтызар. Батасы мага тийсе деп[7].
«Батасы журтту байыткан» Кошойдун батасын алуу үчүн ага атайы арнап 12 жыл бою «кандагай» деп аталган шымды жасайт. Көкөтөйдүн ашында кытай баатыры Жолой менен күрөшөрдө Каныкей тиккен кандагайды кийип, анын уздугуна, акылына ыраазы болгон Кошой Каныкейди алкап, батасын берет:
Тилекти берсе бир Алла, Туулса мындан бир бала
Ургаачы болбой, Эр болсун! Аюу болбой, шер болсун!
Атышканын алсын деп,
Күрөшкөнүн чалсын деп, Катылышкан душманын Өгөөлөсүн темирдей. Акыры туулса эркек уул Аты болсун Семетей[8].
Баш оору – ар кандай ооруларда баш ооруйт. Кан тамыр ооруларына шакый оорусу кирет.
Богок оорусу – калкан безинин сезгенүү оорусу. Ал көлөмү чоңоюп ошонун ичинде атайын эт пайда болсо, аралаш богок деп аталат. Элдик медицинада суюктукту аз ичип, ачкыл-кычкыл ичкиликти ичпей эле койгону оң. Чөптөн ачытма, уйгактын жалбырагы, чалкан, баканын эки түрү (кашка, кызыл колтук бака) жана йод дозасын кошуп компресс жасоо керек.
Бөйөн-чаян чакканда. Жылан, чаян, каракурт, уулуу аары, жылан чакканды бүткүл денеге тарабас үчүн мүнкүнчүлүк болсо катуу таңып таштоо керек. Андан соң чаккан жерди бычактын учу менен тилип, канын агызат да эчкинин мурунтан атайлап катырып койгон этин жабат. Аны тез-тез кайталайт. Эчкинин эти ууну тез кайтара турган касиетке ээ.
Бөрүжатыш – теринин чалкан чаккандай дүүлүктүрүп, ачыштырып, бүдүрөйүп чыгышы менен мүнөздөлөт. Тазалыкты сактабагандыктан пайда болот же болбосо, тамакаштан болушу мүмкүн. Бир стакан сууга бир чай кашык теңге гүлүн арактагы тундурмасын куюп, аралаштырып ошону менен сүртөт.
Бүркүт – оор төрөттөрдүн учурунда төрөп жаткан аялдын боз үйүнө бүркүттү алып киришкен. Эгер аял эсинен танса, анда анын көкүрөгүнө бүркүттү отургузушкан. Динчил кыргыздар муну аялдын төрөтүн оордоткон албасты (албарсты) бүркүттөн коркот деп, анимисттик түшүндүрмө беришет. Бул ырымдан бүркүткө керемет касиеттерди ыйгарган байыркы диний ишенимдердин саркындысын көрүүгө болот.
Бэнь-цао» – («Дары-дармек чөптөрү» – «Травник») – Б.з.ч. 3216-жылы эле кытай императору Шэньнун медицина тармагы боюнча деп аталган эмгекти жазып, анда жалпы жонунан дары-дармек өсүмдүктөрү сүрөттөлүп сыпатталган. Кытай медицинасы угут (солодка), примула (жазында эрте гүлдөй турган көп жылдык өсүмдүк), женьшень, кытай лимонниги (лимонник китайский), шлемник, пияз (лук), сарымсак (чеснок), спаржа (жашылчанын бир түрү), төө куйрук, же түлкү куурай (астрагал, корица), имбирь (тропикалык өсүмдүк; анын тамыры жакшы жыттуу, жакшы даамдуу татымал катарында колдонулат), мандариндин сырткы кабыгы (кожура мандарина), кызыл жыгачы жана жемиши (кизил) сыяктуу 1500дөн ашык дары-дармек өсүмдүктөрүн пайдаланганы белгилүү.
Гинекологиялык оорулар – жыныс органдарынын сезгенүү себептерин аныктоодо бактериология илиминин өөрчүшү зор мааниге ээ болгон. Гинекологиянын башталышы байыркы Индия, антикалык Греция ж.б. мамлекеттердин жазуу мурастарынан белгилүү. XVIII кылымдан баштап гинекология өз алдынча илим катары калыптана баштаган. XIX кылымдын аягында гинекологиялык ооруларды операция жолу менен дарылоо методдору иштелип чыккан. ХХ кылымда теориялык гинекология чоң ийгиликке жетишкен. Гипофиздин, энелик уруктун жана бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорунун ачылышы жана синтезделиши жыныс гормондорунун аял организми не тийгизген таасирин изилдөөгө, этек кир циклинии бузулушун дарылоодо гормондук терапияны колдонууга мүмкүндүк берген. Гинекологиялык ооруларды алдын алуу максатында диспансердик байкоо, айрым оорулар жаңы башталганда эле дарылоо жүргүзүп, рак оорусуна өтүп кетишин болтурбоо үчүн аракет жасоо зарылдыгы тастыкталган. Жыныс органдарынын коркунучтуу шишиктерине нур терапиясы жана хирургиялык операция колдонулууда. Гинекологиялык оорулар – аял организми нин анатомиялык, физиологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу оорулар. Аларга инфекция, травма, уулануу, химиялык заттардын аял организмине тескери таасир этиши, этек кирдин нейрогумордук бузулушу, шишиктин пайда болушу, жыныс органдарынын кемтиги ж.б. себеп болот. 20дан 50 жашка чейинки аялдарда сезгенүү оорулары – кольпит, эндометрит, сальпингит көп кездешет. Ички жыныс органдарынын сезгенүү оорулары көпкө созулуп кайталап кармаса, тукумсуздукка алып келет жана этек кир цикли бузулат. Дарылоо гинекологиялык ооруканада жана акушер-гинекологиялык кабинеттерде жүргүзүлөт. Айыл жерлеринде фельдшер-акушердик пункттарда (ФАП) жардам көрсөтүлөт.
Далы ачуу – койдун далысын карап, же отко жагып, боло турган окуяны алдын ала билүү ишеними. Далы ачуу, же аны отко жагуу ырым-жырымы чыгыш элдеринин көпчүлүгүндө бар. Тарыхый-этнографиялык маалыматтарга караганда кара кытайлар (кидандар) жортуулга жөнөрдө ак койдун далысын отко күйгүзгөн. Эгер далы жарылып кетсе жортуулга чыккан, жарылбай калса чыкпаган. Кара кытайлар доорунда (Х кылым) колдонулган магиялык бул ырым-жырым шаманизмдин калдыгы катары «Манаста» да учурайт. «Манастын» В. В. Радлов жазып алган вариантында душман жол башчысы Жолой жортуулга аттанарда Таргылтаз далычыга далы күйгүздүрөт:
Таргылтаз далы жаккан соң, Далыга карап алган соң, Таргылтаз туруп дагы айтат:
Капырдын каны чоң Жолой,
Мен коркомун далыдан,
Бул далынын ичинде,
Казанбактай кайран баш,
Кан алдынан жыгылды
Туулгадагы кайран баш,
Туу алдынан жыгылды,
Ушул быйыл аттанба Атка каршы ай экен, Эрге каршы жыл экен… Ага десең болбосоң
Ай жаңыртып аттангын.
Сагынбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттарында кытай хандарынын бири Карыхан коркунуч болоор алдында «далы жагып» көргөнү сүрөттөлөт1. Эпикалык душман тарап эле эмес, жогоруда айтылгандай, Манастын чоролорунун ичинде да болочокто боло турган окуяларды алдын ала бал ачып, төлгө тартып, далы ачып билүүчүлөр болгон. Агыдай чоро далыны карап эле боло турган кыйынчылыктарды, жакшылыкты ж. б. окуяларды алдын ала айтат. Көрүнүп тургандай, «Манаста» душман тарабындагылар далыны отко күйгүзүп, ал эми кыргыздар далыны жөн эле карап көрүп, алдыда күтүп турган окуяларды биле алышкан. Мунун өзү түрк элдери менен моңгол жана кытай элдеринин диний ишеним салттарындагы айырмачылыкты айгинелейт. Койдун далысынын магиялык мындай күчүнө ишенүүчүлүк калмактардын «Жангарында» да жолугат.
1 Караңыз: Манас. Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча. 2-том.
113-бет; Манас. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. 2-том. 113-бет.
Дүйшөнбек Чомо уулу – жети жүздөн ашуун дары чөптүн «тилин» билген адис, тоодо өскөн түрдүү жапайы дарактардын жалбырагын, мөмөсүн, тамырын, кабыгын өз маалында жыйнап, терип алып, миң түркүн илдетке эм болор шыпаасы күчтүү дары-дармек жасаган элдик дарыгер катары бүгүнкү кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал табып болуп саналат. Дүйшөнбектин тамырчылык зор таланты – укумдан тукумга оошуп келе жаткан ыйык касиет. Убагында анын таятасы Чомо аксакал бир дубанды өзүнүн тамырчылык, табыпчылык, жайчылык касиети менен тейлеп турган залкар олуя болуптур. Таятасындагы ошол ыйык касиет Дүйшөнбектин өз энесине да өткөн экен… Мындай ыйык касиетти эл ичинде: «Кудай даарыган гана пенделерине берет», – деп коёт // Маалымат төмөнкү булак боюнча келтирилүүдө [Дүйшөнбек Чомо уулу., 2004].
Евроцентристтик жол – дүйнөнү «цивилизациялуу» жана «варвардык» деп бөлүп, өздөрүн «бутпарастарга» каршы коюу максатында «кудайдын эли» деп атаган антикалык жана византиялык салттар менен тыгыз байланышкан [Гумилев Л. Н. – 1988. – № 4. – С. 202]. Мындай салт европалык эмес элдерди, алардын тарыхы менен маданий мурастарын жерип, аларга дүйнө таанымдын өздөрүнө гана таандык формаларын таңуулоо саясатын жүргүзгөн Батыш Европада (соңку Ренессанс менен Жаңы мезгил) буржуазиялык улуттардын калыптануу мезгилинде «маданий империализм» [Караңыз: Ерасов Б. С., 1983] деп аталган жобосунун негизинде жаткан «биз» жана «алар» этноборбордук принциптеринде ачык чагылдырылган [мындай жоболор уруулук аң-сезимден терең орун алган жерүүнүн, жек көрүүнүн, бой көтөрүүнүн, кыйынсынуунун мындай архетиптери Б. Ф. Поршнев тарабынан кеңири сүрөттөлгөн [Караңыз: Поршнев В. Ф., 1979].
Жаралар – күнч (экзема), аллергия, кычыткы жана башка жараларга колдонуучу дары чөптөр: жоогазын, сарымсак, согон, пияз, чеснок, уу коргошун, меңдубана, аюу чачыр, чатыраш, бака жалбырак, тоо бака жалбырак, ит уйгак, сасык матар, эрмен, чалкан, каз таңдай, уу тана, жалбыз, чырмоок, ит мурундун мөмөсү, адырашман, уулжандын тамыры, уйгактын жалбырагы, сары чычырканак,сары чай чөп ж.б. Буларга кошо турган каражаттар: сымап, көк таш, мумия, проплис уксус, спирт, алоэ ширеси, кир самын.
Жел куяң – куяң жүлүн тамырчаларынын жабыркашы. Бул өнөкөт оору, мезгил-мезгили менен кармайт. Кыргыздарда бел куяңы көп кездешет. Мында бел катуу ооруйт, сайгылашат. Булчуң эттер жыйрылганда киши кыйшайып этин оорутпаганга аракет кылып оңтойлуу жүрөт. Табыптар куяң желдин эки түрүн айтып келген жел куяң жана кан менен жел куяң деп. Жел куяңды үбөлүк менен укалап үзгөн, ал эми жел куяңды күрөө тамырдан кан алып дарылаган. Эгер жел куяң белден өйдө жакта болсо балыктын майын колдонсо, кырарка омурткалар жибип жел куяңды сүрүп чыгарууга жардам берет.
Жөтөл – дем алуу органдардын (коко, кекиртек, өпкө) ооруганынын негизги белгиси. Жөтөл дем алуу жолунун сезгенүүсүнөн пайда болот да, кургак (какырыксыз) жана какырыктуу болуп бөлүнөт.
Жүрөк ооруганда жалбыздын жалбырагы – бир учум, чүйгүн чөптөрдүн тамырынан эки учум, ашкөктүн уругунан бир учум, петрушканын уругунан бир учум кошуп, ушуларды бири-бирине кошуп талкалап, бир аш кашыгын 3 литр сууга салып жарым саат кайнатат, эки күн тургузуп сүзөт. Ага бир аш кашык алманын сиркесин кошуп ичет. Сыркоолуу күнүгө 30 гр. үч маал ичет.
Зикир, зикир чалуу (арабча зикр – эскерүү, эс-тутум) – исламдын суфизм агымындагы айрым багыттарга мүнөздүү болгон «Аллага сыйынуу» жөрөлгөсү. Зикир жарыя да (үн чыгарып), купуя да (үн чыгарбай) чалынат. Зикир чалууда бир топ сопулар (суфилер) чогуу отуруп, Алланын ысымдарын жана ислам ураандарын обонго салып, кайракайра кайталашат. Зикир чалуучулар бара-бара элирип барып, өзүн өзү унутуп, экстаз абалына жетиши мүмкүн // Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. – Бишкек, 2011. 3-том. 467-бет.
Иррационализм (латынча irrationalis – акыл-эссиз)
- рационализмден айырмаланып тааным процессинде акыл-эстин мүмкүнчүлүктөрүн четке каккан, же ашкере чектеген философиялык багыт. Иррационализмде тааным каражаттары болуп акыл-эске баш ийбеген интуиция, ишеним, эрк, көзү ачылуу, аян, инстинк ж.б. каралат. Мисалы, диний ишеним ж.б. менен эч кабары жок болсо да көз тийип, чыркырап ыйлап, кыйналып турган 2–3 айлык баланы киренелеп койгондон кийин эле анын абалынын жакшырып калышы дарылоонун иррационалдуу ыкмасына кирет // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 461.
Ит жана жылкы – кыргыздар ит менен жылкыга да керемет касиеттерди ыйгарып келишкен. Мисалы, адамдарды өзүнүн уулуу жебелери менен кабыргадан сезгенүү (воспаление легких) оорусуна кабылткан албасты (албарсты) куу атка минип алып, адамдар жашаган айылга жакындап келе жатканын алгачкылардан болуп ит менен жылкы баласы көрөт. Жылкылар себепсиз жерден үркүп, иттер ажылдап үрө баштаганда, жугуштуу ооруну алып келе жаткан жагымсыз күчтөн сактануу иш-чараларын жүргүзүү сунушталган. Э. Тэйлордун маалыматы боюнча да, дүйнөнүн айрым элдери бир катар жаныбарлар карасанатай руханий күчтөрдүн жакындап келе жаткандыгын туят деп ишенишкен[9].
Ички органдардын ооруларына тамактануу ыкмасы
- карын жана он эки ичегинин жарасына ашказанда зил көбөйүп кеткенде тамак дайыма сууга же бууга бышырылып, майдаланып даярдалат. Буудай нан, кургатылган ак нан, бышырылган жашылчалар ак капуста, козу кулак, күрүч же бышырылган сүт шорпо, уйдун майсыз этинен бууга бышырылган тамак. Мала сүткө бышкан буурчактын түрлөрү, күрүчтөн жасалган ботколор. Майлардан болсо, семичке майы, жүгөрү майы, каймак, быштак жана жаңы айран, тузу аз сыр, таруу колдонулат.
Кайнатма кара дары – эпосто чагылдырылган дарынын энчилүү аты. К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө кайнатма кара дары – апийим деп божомолдонот. «Манаста» көбүнчө башка дары-дармектердин катарында айтылат: «Кайнатма кара дарыдан, Баягы кайран катын Каныкей, Жарасына салды эми» [Каралаев С. Манас. 2-том. 226-бет]. Эпосто кайнатма кара дары жарат менен сыныкка колдонулган дары катары айтылган: «Кайнатма кара дары бар, Канатын азыр бүтүрчү, Канча дары баары бар» [Орозбаков С. Манас. 2-том. 298-бет]. Кайнатма кара дарынын аты айтып тургандай, кайнатылып (же эритилип) туруп, жаратка же сыныкка сүйкөлгөн. Мындай сапатына караганда кайнатма кара дары мумияга жакындап кетет.
Кан токтотуучу дарылар – элдик медицинада кан токтоттуу үчүн түрдүү дары өсүмдүктөр: суу кымыздык, суу калемпир, калина, чалкан, каз таңдай, ак тикен ж.б. каражаттарды колдонгон. Негизинен, булар сырткы жана ички жараттардан, жатындан жана геморрой түйүндөрүнөн кан акканда колдонулат.
Карасан – оорусу бармактан башталат да азыркы медицинада бармакты кесип таштоо менен эмдейт. Ал эми элдик медицинада адырашманды кайнатып буулайт. Андан соң Кара-Кумда боло турган бутсуз кескелдирикти эт туурагычтан өткөзүп жедирет. Жети жыландын этин жеген ноокас оорусунан айыгат.
Карышкыр – бөрүгө карата да кыргыз эмчилери тотемизм менен фетишизмди өз ара айкалыштырган мамиледе болгон. Мисалы, эмчек булактын (грудница) каражаты катары алар ооруган эмчекти карышкырдын оозуна сааганды сунушташкан. Мындай максатта колдонуу зарылдыгынан улам карышкырдын терисин сыйрууда кыргыздар анын оозун кесип ыргытып салбоого аракеттенишкен. Жаңы төрөлгөн ымыркай, өзгөчө уул бала карышкырдын «оозунан» өткөрүлүп, мындай процедура наристенин амандыгы менен эр жүрөктүүлүгүн шарттайт деп ишенилген. Балдары тез-тез чарчап калган, токтобогон, же наристесинин ден соолугу болбогон үй-бүлө да кезектеги баласы төрөлгөндө, аны карышкырдын «оозунан» өткөрүшкөн. Бул максатта ата-эне бала төрөлгөнгө чейин эле карышкырдын терисин даярдап коюусу абзел болгон. Бала төрөлгөн соң, карышкырдын баш териси сууга чыланып, анын оозу жаңы төрөлгөн ымыркай өтө ала турган өлчөмдөргө чейин керилип чоюлган. Мындан кийин бала карышкырдын оозунан башын алга сунуп, карышкырдын куйругунан карышкырдын башына карай багытта үч жолу өткөрүлгөн. Аталган ырымды жасоодо эмчи «карышкырдай бол, баатыр бол!» деген сөздөрдү айткан. Бөрүжатыш оорусунун «дарысы» катары карышкырдын талпагы менен чүкөсүнөн даярдалган эритме эсептелген. Кыргыз эмчилеринин пикиринде бөрүжатыштан карышкырдын чүкөсүн моюнга тумар катары тагынып жүрүү аркылуу да арылууга болот.
Кептөөр – тамак шишип, кысылып,былжыр чели сезгенип, какырык менен бүтөлүп калышын капысынан дем кыстыктырып кармоочу аллергиялык оору. Кептөөрдүн пайда болушуна мезгил да таасирин тийгизет. Күз мезгилинде шамал болуп аба алмашканда кескин өзгөргөндө күчөйт. Ак кодол менен күчаланы 15 гр майдалап алып, спиртке ачытып бир күндө беш маал 10 гр ичип туруу абзел. Тоо туздары менен да кургак, нымдуу ингаляция жасаса жакшы натыйжа берет. Мисалы, Кочкордогу кара туз, Сары-Камыштагы кызыл, ак туз, Токтогулдагы шамшака тузу менен суукчандар кургак, ысыкчандар нымдуу ингаляциялоосу зарыл. Шар аккан суунун илебинен дем алуу да абдан пайдалуу.
Кинесика – Вербалдык эмес маданияттын маанилүү элементи болуп кинесика эсептелет. Кинесика (грекче кinez – кыймыл) коммуникация процессинде пикир алышуунун кошумча, көрсөтмөлүү каражаты катары колдонулган ишаараттардын (жесттердин), позалардын, дене кыймылдарынын жыйындысы болуп саналат.
Кой жана кочкор. Мындан сырткары, талма оорусунун учурунда кыргыз эмчилери дарттуунун колун тирүү ириктин, же кочкордун бутуна байлап койгон. К.К. Юдахиндин маалыматы боюнча оор төрөттүн учурунда төрөп жаткан аялга тирүү койдун бутун кармап турууну сунушташкан. Ушул эле маалымат боюнча чагып алган жыландын уусуна каршы туруу максатында жылан менен жети кара койду арбаштырышкан[10]. Бул процедура жыланды арбап, аны зыянсыздандырат деп ишенилген.
Кошой-Коргон чеби – жогорудагыдай «ыйык» деп саналган жерлердин катарына Ат-Башы айылынан түштүк-батышты карай 12 км, Кара-Суу айылынан 1 км алыстыкта жайгашкан Кошой-Коргон чеби кирет. Бул чеп орто кылымга таандык коргондун калдыгы болуп саналат да, туш-тарабынан суу толтурулган терең аңдар менен корголгон. Атайын жасалган арыктар Кара-Коюн суусун чепти курчаган аңдарга алып келип куйган. Коргон Кара-Коюн суусу Ат-Башы дарыясына куйган жерде жайгашып, киши барууга оңой болбогон саздактуу жерден орун алган. Өз кезегинде узун-туурасы 400 метрди түзгөн азем сарайдын кубаттуу чебинин айрым бөлүктөрү сакталып калган. Учурунда чептин дубалдарынын бийиктиги 8–10 метрди, туурасы 4–5 метрди түзүп, өткөн замандарда аталган дубалдар «ыйык» деп эсептелип, ага дарттуулар шыпаа издөө үчүн келишкен.
Көк жөтөл – дем алуу органдардын сезгенүүсү. Бронхиттин катуу кармоочу түрү. Ал мурун, коконун, кулкундун жана кекиртектин сезгенүүлөрү менен козголот. Жөтөл көбөйүп какырык чыкпаса кызыл мыя, карандыз, какым-кукум тамырларын, көк чай чөптү 10–15 мүнөт кайнатып ичүү керек. Уу коргошун, кундуз (чөп), кой, чочко майларын аралаштырып көкүрөк же далы тушуна калыңдатып турат. Муну жатаарда жасап, 5–6 саат кармаса суукту тартып алат. Аюунун, суурдун, кашкулактын, иттин майын, этин жийиркенбей жеш керек. Көк жөтөл ашынып кетсе кептөөргө айланат.
Көчмөн элдердин молдолорунун дарылоо ишмердигиндеги бутпарастык диндер менен исламдын синкретизми. Кыргыздарга караганда казактардын арасында ислам дини тамырын терең таштаса да, дарылоо ишинде жогорудагыдай симбиозго жол берилгендигин А. Е. Алекторов төмөнкүчө сыпаттайт: «Дарттуунун маңдайында китебин ачып, суу куюлган чыныны колуна кармап молдо олтурду. Молдо көпкө кыраатын келтирип, китеп окуп жатты… Бир мезгилде ал күтүүсүздөн окуп жатканын токтотуп, жүрөктүн үшүн алган «шу-лю» сыяктуу добуш чыгарып, ышкырып жибергенде, мен «селт» этип, секирип кеттим да, эшиктен оолак жакка жылдым… Айрым учурларда оорулуу кыргыздар бир эле мезгилде молдону да, бакшыны да жардамга чакырышат»[11].
Жогоруда сүрөттөлгөн фрагментте жүрөктүн үшүн алган ышкырыктын жардамы аркасында молдо оорунун негативдүү мүнөздөгү руху менен албастыны «коркутуу» максатын көздөсө керек. Илдеттин руханий себебин шамандык каражаттардын жардамы аркасында кубалоо ыкмасын түркмөн молдосу да колдонгон.
Башкыр молдолору тууралуу сөз кылып жатып, С.И.Руденко төмөнкүлөрдү жазат: «Молдолордун дарылоо ыкмалары, жалпы жонунан, эмчи-домчулардын дарылоо ыкмаларынан эч нерсеси менен айырмаланбайт»[12].
Мындай өңүттө казак эмчисинин албасты өңдүү негативдүү руханий күчкө кайрылуусу өзгөчө кызыгууну туудурат. Ал албастыга кайрылуу менен төмөнкүдөй сөздөрдү сүйлөгөн: «Биздин күч бизден эмес, Аллахтан. Аллахтын эркин угуп, ага таазим эт да, бул денени таштап, башка жакка кет, каргыш тийген албасты!»[13] Казактарга мүнөздүү ушундай эле фактыларды С.Рыбаков[14] менен А.Диваев[15] да маалымдашат. Орто Азиянын көпчүлүк элдеринде ислам фетишизмдин калдыктары менен «тил табышып» жашаган. Мисалы, И. И. Ибрагимовдун маалыматы боюнча «айрым учурда кыргыздар байыркы адат боюнча койдун майын отко таштап, ал күйүп бүткүчө Аллахка сыйынган»[16]. Н. О. Лыкошиндин маалыматы боюнча кыргыздарга караганда исламга терең берилгендиги менен айырмаланган өзбек элинен чыккан бакшы да кыргыз улутундагы бакшынын ишмердигине тең маанилеш ишаракеттерди жасаган[17].
Кулактын оорусу – адырашманды даны менен жанчып бир аш кашыгын 200 гр сууга кошуп бир кашык калганча кайнатып, кандын жылуулугундайда кулакка тамызат. Кечинде жатаарда ысык нанды экиге бөлүп, кулакка коюп таңат. Же болбосо, жаңы төрөгөн аялдын эмчек сүтүн саап тамызып, ысык нан менен кулакты таңат. Дагы бир ыкма бир кашык кашкулактын майына бир аш кашык алоэнин ширесин тамызып, ысык нан таңат.
Куу далы – каны аздар, ашказан, жоон ичегилерден жабыр тарткандар жана кыймылды аз жасагандыктан пайда болуучу оору. Куу далынын белгиси эки далы ачышып уюйт, же кол көтөртпөй ийин зырпылдап баш ооруйт, желке тартат. Кыр арка уюп, бөйрөккө, жүрөккө, боорго күч келет. Эки далынын этек учунан кол учу менен далыны өйдө карай укалоо керек.
Кызамык – адамдын температурасы көтөрүлөт, суусайт. Алма менен ит мурундун кайнатмасын ичирет. Бөрүкарагат менен ит мурундун тамырын кайнатып суусундук катары ичирет. Ушундай дарылоону жети-сегиз күн жүргүзгөндөн кийин кызамык толук кайтат.
Матай уулу Кубанычбек – 1967-жылы 23-майда Ош облусунун Алай районунун Кызыл-Алай кыштагында туулган. Билими жогорку, юрист, ИИМ Академиясын, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясын бүтүргөн. Милициянын майору. Элдик табып катары таанымал // Маалымат төмөнкү булак боюнча келтирилүүдө: [Таасири күчтүү табып, 2009].
Медет (арабча жардам, жөлөк маанилерин билдирген сөз) эпосто дарынын бир түрү. Медет ууга сугарылган куралдан алган жаратты дарылоо үчүн колдонулган дары болушу да мүмкүн. Жараты кабылдап кеткен ооруга колдонулганы айтылат:
Муну айтып Алмамбет
Медет деген дарыны Берениңдин башына
Беш которуп салды эле,
Көк жал Манас султандын
Ооруган жери басылды,
Умачтай көзү ачылды
[Каралаев С. Манас. 2-том. 173-бет]
Металлдардын шыпаалуу касиеттери[18] – жез, алтын, цинк, коргошун сыяктуу оор металлдар адамдын денеси менен контакт болгон учурда металл териге, ал эми күмүш менен калайдын учурунда болсо тери металлга таасир бергени практика жүзүндө далилденген. Металлдар тартылуу жана түртүлүү касиеттерине ээ. Ошол себептен, дарыгер үчүн металлды илдеттүү жерге канча убакыт бою кармап туруу зарыл экени маанилүү болуп саналат.
СССР мамлекетинде 1958-жылы Н. М. Сафонова, ал эми 1975-жылдан тартып башка врачтар тарабынан тери ооруларын дарылоодо жез дисктери пайдаланыла баштаган. Жез ооруган жерге өзү эле барып жабыша калганын байкаган врачтар илдеттүү жер металлды өзү тартып алган учурда гана жез дисктерин териге коюу аркылуу металлотерапияны башташкан. Качан гана металл денеге тартылбай калган учурда металлотерапия аракетин токтотушкан. Ал эми организм менен металлдын ортосунда мындай тартылуу кубулушу байкалбаганда, врачтар илдеттүүгө карата металлотерапия ыкмасын колдонушкан эмес.
Металлотерапияны дайындоодо алгач диагноз коюлган.
Эреже катары оорулуулар врачка алгачкы оорусунун (айталык, сөөгү мертинген) айынан эмес, экинчилик дарттарын (мисалы, тромбофлебит) сакайтуу максатында кайрылган учурлар арбын. Ошол себептен, врач биринчилик ооруну аныктоо максатында оорулуунун денесине металлды 2 күнгө, же түн бою жабыштырып, оорулуунун металлга болгон реакциясын байкап көргөн. Мисалы, бир оорулуунун денесине металлды койсо, анын денеси темирди өзүнө жабыштырган эмес. Металл түшүп кетпесин деп, илдеттүүнүн терисине темирди лейкопластырь менен чаптап коюшкан. Металлдын таасири астында оорулуунун териси кызарып, шишип чыккан да, оозуна темирдин жагымсыз даамы келип, башы айланып, жалпы абалы начарлап, алсырай баштаган. Ошол себептен дене менен металлдын ортосунда тартылуу кубулушу болгон учурда гана металлотерапияны жүргүзсө болот деген тыянак жасалган.
Өнөкөт оорулардын учурунда, илдеттүүнү дал ушул моментте жапа чектирбесе да, анын биринчи, же негизги оорусун таап, аныктоо маанилүү болуп саналат. Анткени, экинчилик ооруну сакайтуу максатында териге металл жабыштыруу илдеттүүнүн биринчилик оорусун козгоп, металлотерапия каалаган максатка жетүү үчүн зарыл болгон эффектти бербей калышы мүмкүн. Ошол себептен металлотерапияны баштардан мурда туура диагноз коюу зарыл деген экинчи тыянак да жаралган. Мисалы, бир оорулуу 15 жыл мурда белин мертинтип алып, кыймылдаганда ал оору бир топ машакаттарды жарата баштаган. Расмий медицинадан жардам болбогондон соң ал металлотерапия ыкмасына кайрылат. Врачтар анын жамбашынын эки жагына 1961-жылы чыгарылып, жез-аллюминий эритмесинен куюлган советтик 1 рубль деп аталган жез монеталарды жабыштырып коюшат. 17 күндөн кийин кыймылдай албаган аял бийлей баштаган. Бирок 3 айдан кийин анын абалы кайра оорлоп, металлотерапия курсун кайра баштоого туура келген. Кийин мындай курстар бир нече жолу кайталанган. Борбордук нерв системасы оору кайсы жерде экенин «унутпаганын» эске алып, өнөкөт оорулардын учурунда металл дисктерин мезгил-мезгили менен илдеттүү жерге жабыштырып туруу керек деген дагы бир тыянак жаралган.
Мумия – курамы боюнча мумия 28 химиялык элементтен, 30 макро жана микроэлементтерден, о.э. он чакты металлдын кычкылынан, 6 аминокислотадан, В12, Р-617, Вi ж.б. бир катар витаминдерден, эфир майынан, аарынын уусунан, ар бири организмдеги зат алмашуу процесстерине таасир эте алган, ар кандай ткандардагы регенативдүү процесстерди күчөтүүгө кудурети бар чайыр сымал заттардан турат. Мумия суук тийгенге каршы, антитоксикалык, денени жалпы жонунан чыңоочу каражат, о.э. перифериядагы нерв клеткаларынын, же баш мээнин анализатордук борборунун алсырап калган функциясын калыбына келтирүүчү зат катары мумия ДНК клеткаларынын биосинтезине активдүү катышып, клеткалардын тездик менен бөлүнүүсүнө жана чоңоюусуна оң таасир этет. Мумия көп сандаган ооруларга шыпаалуу таасир тийгизгени менен аталган заттын шыпаалуу таасир көрсөтүүсүнүн механизми бүгүнкү күнгө чейин татаал, табышмактуу бойдон кала берүүдө. Анткени мумия организмдин бүтүндөй жашоо-тиричилигине, анын ар кыл процесстерине көп кырдуу таасир берет. Айтсак, каалагандай фармацевтикалык дары-дармекте 5–6 химиялык элемент гана жасалма жол менен өз ара жуурулушат, ал эми мумияда болсо табият тарабынан 50 компонент өз ара жуурулушкан. Мумиянын шыпаалуу сапатын аныктоо максатында аны мыкчып, жууруп көрүшөт: жакшы сапаттагы мумия тез эле жумшарып кетет, ал эми сапатсыз мумия болсо катуу бойдон кала берет. Мумия аз токсикалуу зат болуп саналат: 30 мг/кг өлчөмүндө ичилген жана 250 мг/кг салмак өлчөмүндө тери астына ийне менен сайылган мумиянын 4%түү эритмеси эксперименталдык жаныбарларда эч кандай токсикалуу көрүнүштөрдү жаратпайт. Мумия бактерициддик жана бактериостатикалык таасирлерге ээ. Мумияны организмге кабыл алгандан кийин минералдардын алмашуусу күчөйт, сынган сөөктөрдүн бүтүшү тездейт, мээ кабыгы (костная мозоль) демейдегиге караганда 8–17 күн мурдараак каймактайт. Оорулуулардын кан айлануусу нормалдашат, жалпы абалы жакшырат, чарчоо сезими кетип, жоголгон энергиясы менен күчү кайра келет, уйкусу бекем болуп, тамакка болгон табити ойгонот, ооруксунуу сезимдери жоголот, сынган кол менен буттардын функциясы калыбына келет.
Мумиянын дарылык дозасы жана дарылануу узактыгы. Мумиянын 0,15–0,20 грамм өлчөмүндөгү дозасын күнүнө 1 маал ачкарын ичүү керек. Байыркы дарыгерлер мындай дозаны буудай даны сымал өлчөмдөгү мумия катары аныкташкан. Дарылануу курсу – 5–10 күн. Бир аз дем алуудан соң курсту 3–4 жолу кайра кайталоого болот. Мумиянын балдар үчүн дозасы: 3 айдан 1 жашка чейин күнүнө – 0,01–0,02 грамм, 1 жаштан 9 жашка чейин – 0,05 грамм, 9–14 жаштагы балдар үчүн – 0,1 грамм.
Мээр чөп – сейрек жолугуучу дары өсүмдүк. Көбүнчө Кытайдын түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Түндүк Кореяда, Россиянын чыгышында кездешет. Эпостун мүнөздөмөсүнө караганда согуштун жүрүшү көпкө созулган кыйын, кыстоо учурларда «атчан тамак ичишкен» элдик баатырлардын күлазыгы сыяктуу эле мээр чөп да каармандардын минген тулпарларынын азык тоюту болгондугу байкалат.
Ала жүрсөң күлазык,
Атка берээр мээр чөп,
Каран күн башка түшкөндө
Кереги мунун тиет деп,
Кудус менен Мысырдан
Муну койбой чалдырган,
Эр Шуутуну жиберип, Беш кожого кат берип, Белек кылып алдырган.
Бармактайын чайнаса
Адамдын мээрин кандырган, Беш талын катып чайнаса
Тулпардын суусун кандырган[19].
Оозеки кеп өнөрү – улуттун вербалдык элементи (оозеки кеп өнөрү), же коом тараптан колдоого алынган расмий тил өз кучагына, бир жагынан, туш-тарабынан тыюу салуучу, же уруксат кылуучу моралдык-нормативдик сунуштар менен курчалган жүрүм-турумдун түшүнүкбаалуулук аппаратын (мисалы, «улуу», «аял», «мейман», «үй-бүлө», «ата-эне» ж.б. түшүнүктөр), экинчи жагынан, адамдын психикасында билимдер, шыктар, жөндөмдөр түрүндө чагылган пикир алышуунун социалдык текке ээ техникаларын камтыйт.
Сабоо – Саякбай Каралаевдин вариантында кожолорго ашкере баа берүүчүлүк жокко эсе, тескерисинче, эпостун башкы каармандары ачуусуна тийгенде кожо-молдолорду сабаган учурлары да эскерилет. «Чоң казаттагы» бир тыныгууда элди эсепке алганда, Чубак менен Төштүк жок болуп чыгат. Нескараны баш кылып кытайдын кырк баатырын колго түшүрүп, кечиккен Чубак, Айкожо (өз аты – Абунасир Самани) аттуу эпостогу диний каарман азан чакырып, эл намазга жыгылып жатканда келет. Чубактын келе жатканын көргөн Манас:
Аппак кожо, Айкожо,
Кереленип каласың,
Кечке окуу саласың,
Бейишиңди өзүң ал, Береним Чубак келатат, –деп тура жөнөйт[20].
Алмабек Тойчубек уулу менен Актан Тыныбек уулунун варианттарында Семетей бала күнүнөн атасы Манас сыяктуу кожо-молдого кас чыгат.
Базарда байды сабады,
Соодалап алган оокатын Кедей менен кембагал Ошолорго алперет.
Кожонун тапкан тыйынын
Койчуларга таратат,
Эшендин тапкан эмгегин, Элден кайыр сураган Эшекчиге таратат. Байлардын тапкан тыйынын Баарын тартып бул алат.
Жарым тыйын өзү албай Жардыларга таратат[21]Рационализм – (латынча rationalis – акыл-эстүү, терең ойлонулган, ratio – акыл-эс) – таанымдын жана адамдын жүрүм-турумунун негизинде акыл-эс жатат деген философиялык багыт. Рационализм боюнча адамдын акыл-эсинен сырткары жана адамга көз каранды болбой жашаган объективдүү дүйнөнү илимий түшүнүктөр менен теориялык билимге негизделген акыл-эс менен гана таанып билүү мүмкүн. Ошол эле учурда акыл-эс билимдин булагы жана анын чындыгынын критерийи болуп саналат // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 1000.
Сары ооруу – өтө жугуштуу. Ага чалдыккан адамды башкалардан бөлөт. Үстүнө сары түстүү кийим кийгизип коёт. Жалбыз, миң жалбырак чөптөрүн талканынан эки аш кашыктап алып жарым литр кайнак сууга салып демдейт. Күнүгө аш кашыктан үч жолу ичет.
Сарык оорусу – бөрү карагаттын тамырынын сырткы кабыгын аарчып, тең ортосунан жара бөлүп, 2кг. тамырды 10 литр сууга бир саат кайнатып, эки күндө бир ушул сууга 3–5 күн катарынан жуунтуш керек.
Себеп – эпос боюнча элдик медицинада жарадар болгон жоокерлерди дарылоого колдонулган дары. Себеп жана медет дарылары кан токтотуу үчүн, катуу жаралуу болгондо ооруну баса турган дары катары ичирип, же жаратка сээп колдонулгандыгы айтылат. Мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында себеп тууралуу мындайча маалымат бар:
Себеп деген дарыны Сээп туруп салды эле.
Дарыны мынча салган соң, Ичинде уусун алган соң
Көк жал Манас султандын
Ооруган жери басылды,
Умачтай көзү ачылды
[Каралаев С. Манас. 2-том. 173-бет.]
[1] Караңыз: Поярков Ф. Из области киргизских верований // Этнографическое обозрение. – 1891. – № 4; Поярков Ф. Джинны из области киргизских верований // Этнографическое обозрение. – 1894. – № 1; Поярков Ф. Кара-киргизские легенды, сказки и верования. – Пишпек, 1899.
[2] Груздев В. Ф. Из народный медицины русских и татар бывшей Казаньской губернии // Известия Северо-Восточного археологического и этнографического института в городе Казани. – Казань, 1921. – Т.
[3] . – С. 72.
[4] Караңыз: Андреев. М.С. Таджики верхоья Оксуса. М, 1945; Потапов Л. П. Следы тотемистических предсовлений у алтайцев // Советская этнография. – 1935. – № 4-5; Потапов Л. П. Обряд оживления шаманского бубна у тюркоязычных племен Алтая. // Труды института этнографии. – 1947. – Т. 1.
[5] Кыргыздарга таандык болгон ишаараттар менен алардын сїрєттєрї тємєнкї булак боюнча келтирилїїдє: Акмолдоева Ш. Б., Ниязова Ж. К.
Этикет кыргызов. – Бишкек: Илим, 2005. – С. 138–165.
[6] Ак бата // Кыргыздар. – Бишкек: «Кыргызстан–Сорос» фонду, 1997. IV. – С.632.
[7] Манас. Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча. 3-том. 209-бет.
[8] Ошондо.
[9] Караңыз: Тэйлор Э. Первобытная культура. – М., 1939.
[10] Юдахин К. К. Киргизко-русский словарь. – М., 1940. – С.123.
[11] Караңыз: Алекторов А. Е. Материалы для изучения страны, истории и быта киргизов. – Оренбург, 1892. – Вып. 1, 2.
[12] Караңыз: Руденко С. М. Башкиры. – Л., 1925.
[13] Караңыз: Цекалинский И. А. Баксылык (следы древних верований казахов) // Записки Семипалатинского отделения общего изучения Казахстана. – 1929. – Вып. 18. – Т. 1.
[14] Караңыз: Рыбаков С. Отчет о поездке к киргизам летом 1896 года по поручению Имперского географического общества // Живая старина. – 1897. – Вып.2.
[15] Караңыз: Диваев А. А. Из области киргизских верований. Баксы как лекарь и колдун. – Казань, 1899; Диваев А. А. Баксы // Этнографичекское обозрение. – 1907. – № 4; Диваев А. А. О происхождении албасты, джина и дива // Известия общей археологии, истории и этнографии. – Казань, 1907. – Т. 14.
[16] Ибрагимов И. И. Этнографические очерки киргизского народа // Сборник «Русский Туркестан». – М., 1872. – Вып. 2. – С.
[17] Караңыз: Лыкошин Н. О. Полжизни в Туркестане. – Петербург, 1917.
[18] Маалыматтар тємєнкї булак боюнча келтирилди: Сборник по народной медицине и нетрадиционным способам лечения / Составитель Г. З. Минеджян. Ташкент: Изд-во «Фан» АН Республики Узбекистан, 1994. – С. 529–537.
[19] Каралаев С. Манас. 2-том. 175-бет.
[20] Манас. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. 2-том. 155-бет.
[21] Семетей. Актан Тыныбек уулунун варианты боюнча // Кол жазмалар фонду. 1993-инв., № 1 дептер, 125-6ет.
Суу менен дарылоо ыкмасы тууралуу алгачкы маалыматтар б.з.ч. 1500-жылдары индиялыктар тарабынан түзүлгөн «Ригведа» эпосунда кездешет. Байыркы индустар, египеттиктер, ассириялыктар, вавилондуктар жана иудейлер (еврейлер) үчүн суу гигиеналык максатта денени тазалоонун негизги каражаты гана эмес, өтө шыпаалуу касиеттерге ээ маанилүү дары-дармек каражаты да болуп эсептелген. Акырындык менен адам баласы өз тарыхын кагаз бетине жазуу түрүндө түшүрүүнү үйрөнгөндө, Чыгыш элдеринин акылмандыгы, алгач Азияга, андан соң Европага тараган. Мындай акылмандык миңдеген жылдар бою Египетте, Грецияда, Римде, Вавилондо, Иудеяда, Персияда жана Скандинавиядагы кельттер менен готтордун арасында да үстөмдүк кылып келген. Египеттен дарылоонун бул ыкмасы Грецияга Пифагор (б.з.ч. 582–507) алып келип, андан соң аталган метод Гиппократ (б.з.ч. 460–377) тарабынан өркүндөтүлгөн. Грециядан Гиппократтын суу менен дарылоо тууралуу окуусу Римге Асклепиад (б.з.ч. 114–59) тарабынан жер оодарган. Римде бул ыкма ушунчалык кеңири тарап, эл оозуна алынганын андагы биздин күндөргө чейин жеткен мончолордун, жуунуучу жайлардын ж.б. көп сандаган калдыктары күбөлөп турат. Рим жылуу суу менен жуунууга, муздак суу менен жуунууга, муздак сууда киринүүгө жана сүзүүгө, суу процедурасынан кийин эс алууга жана көңүл ачууга арналган көп сандаган атайы бөлмөлөрү бар коомдук мончолору менен даңкы чыккан. Бул мончолор «бальниум» (латынча balneum – киринүү, жуунуу) деп аталган. Бул сөздөн кийинчерээк «бальнеотерапия» деген медициналык термин жаралган. Римде минералдык сууга киринүүгө арналган бальниум өзгөчө бааланган.
XI кылымда Абу Али Ибн Сина (Авиценна) тарабынан түзүлгөн «Канун Фитт-тибб» («Медицина илиминин канону») деп аталган атактуу китепте суу ден соолукту чыңдоонун шыпаалуу каражаты катары сыпатталган. Индияда бальнеологиялык процедуралар теринин сыртындагы дарттардан да, ички органдардын илдеттеринен да жапа чеккен оорулууларга сунуш кылынган. Адамдын бетинде, колу-бутунда шишик болгондо, денеге сары суу толгон ооруда (водянка), дегеле, врачтын пикири боюнча оорулуунун денеси ашыкча нымга, сууга жана какырыкчимкирикке толуп кетсе керек деген тыянактар жасалган учурда, оорулууну алка-шалка тердетип дарылоо кеңири жайылган. Баткак менен дарылоо, сүртүнүү (втирание), ар кыл ванналарды кабыл алуу, түтөтүү жана буулоо, ысык компресстерди жасоо, кургак жана ысык буу менен учуктоо ыкмалары өтө популярдуу болгон. Тери ооруларында, өзгөчө тери дуулдаган кычыткыдан жапа чексе, оорулууну көлөмдүү таштектерге (ванналарга) толтурулган күкүрттүү сууга же табигый минералдык булактарга киринтишкен.
Антикалык маданияттын ордуна келген орто кылымдар мезгилинде байыркы дүйнөнүн башка ийгиликтери менен катар эле суу менен дарылоо ыкмасы да унутта кала баштаган. XVII кылымдын экинчи жарымында жана XVIII кылымдын биринчи жарымында гана суу менен дарылоо ыкмасы айрым европалык өлкөлөрдө кайрадан жандана баштаган. Ошондой болсо да XIX кылымдын аягына чейин бул ыкма жетишээрлик илимий негизделишке ээ болбой, узак мезгилдер бою суу менен дарылоо процедуралары карандай эле эмпирикалык түшүнүмдөргө таянып келген. А. А. Лозинский (1916) белгилегендей, өздөрүнүн терапевтикалык иш-чараларынын ийгиликтерине маашыр болгон эмпириктердин айрым методдору кээде аша чаап кеткен жагдайлар арбын кездешкен. Айтсак, алар ооруларды 15 күн катары менен ысык мончодо тердетишкен; аларды суунун ичинде күндүз гана эмес, түн ичинде да калтырып коюшкан; күнүнө 80 стакан минералдык сууну ичүүгө мажбурлашкан; бассейндеги суудагы оорулуулар зеригип кетпеш үчүн алар арак менен закускалар салынган калкыма столдорду ойлоп чыгышкан ж.б. Албетте, мындай фанатизм суу менен дарылоо ыкмасын илимий багыт катары өнүктүрө алган эмес.
Таш культу – Ф. Поярковдун маалыматы боюнча «кара кыргыздардын сөздөрүнө караганда Нарын дарыясынын оң жээгиндеги Кетмен-Төбө өрөөнүнөн ыргытылган таш шыпаалуу касиеттерге ээ. Мисалы, бул ташты көтөргөн адамдын далысы менен бели оорубайт; эгер буга чейин ал аталган оорулардан жапа чегип келсе, анда ташты көтөргөн соң ал өз дартынан арылып, узак өмүр сүрөт»[1]. Жогоруда сөз болгондой, ушундай эле шыпаалуу касиеттерге Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоо да ээ. Таштардын дарылык касиетине табынуу тажик элинде да кездешет[2]. Дүйнөнүн көп сандаган элдери тарабынан ташка табынуунун мисалдары жана таштын «керемет күчтөрүн» пайдалануу аркылуу эмчи-домчулардын дарттууларды дарылоого жасаган аракеттери Д. Фрезер менен Э. Тэйлордун эмгектеринде да кеңири орун алган[3]. Куранда да Мухаммед пайгамбар ташка сыйынган «капырлар» тууралуу айтат[4]. Элдик медицинадагы от, суу, металл менен байланышкан фетишизация болгондугу тууралуу сөз кылынды, о.э. аталган фетишизация менен коштолгон ырым-жырым, магия формасындагы дарылоо аракеттери тууралуу ушул параграфтын ылдый жагында да, кийинки параграфтарда да айтылмакчы.
Таш-Рабат – Ат-Башы районундагы дагы бир шыпаалуу жер катары Таш-Рабат архитектуралык комплексин атоого болот. Өз кезегинде Н. Н. Пантусов бул комплекстин калдыктарын буддисттердин байыркы кечилканасы (монастры) катары сыпаттайт[5].
Тибет медицинасы – индиялык медицинанын негизинде пайда болгон жана «Чжуд ши» деп аталган тибет медицинасына арналган эмгекте дары-дармек өсүмдүктөрүн пайдаланууга арналган атайы бөлүм болгон. Көп мезгилдер бою тибет медицинасы мистикага чулганып келсе да, 1898-жылы белгилүү врач Пётр Бадмаев «Чжуд ши» эмгегин орус тилине которуп, Петербург шаарында тибет медицинасынын кабинетин түзүп, Петербургдун жашоочуларын Монголиядан алынып келинген экзотикалуу дары-дармек өсүмдүктөрү менен ийгиликтүү дарылай баштаган // Караңыз: Гончарова Т. А. Энциклопедия лекарственных растений. – М.: Дом МСП, 1997.
Тумар – жогоруда аталган дарылоонун универсалдуу каражаттарына тумарларды да киргизүүгө болот. Өткөндө кыргыз наристеси менен анын бешигине ушундай универсалдуу маанидеги көп сандаган тумарларды илип коюшкан. Сансыз тумарларды тагынып жүрүү төрөлгөн күндөн тартып, 7–10 жаш куракка чейин созулган. Өзгөчө наристенин алгачкы кырк күнүндө көз мончоктор менен тумарларга зор үмүттөрдү артышкан. Тумарлардын көпчүлүгү жаныбарлардын денесинин ар кыл бөлүктөрүнөн турган. Мисалы, баланын моюну менен анын бешигине тагылган тумарлар катары үкүнүн, бүркүттүн, жапалактын таманы, аюунун, илбирстин, бөрүнүн ж.б. жырткычтардын тырмагы, же териси эсептелинген. Кыргыз эмчилеринин арасында тумарлар тууралуу бирдей пикир болгон эмес. Ошол себептен, денесинин ар кыл бөлүктөрүн тумар катары тагынып жүрүүгө тийиш болгон жаныбарлардын саны бир кыйла болгон. Өткөн замандарда кыргыз балдарынын кийими менен бешигинде кездешкен тумарлардын арасында жаныбарлар дүйнөсүндө өзүнүн кандайдыр бир жөндөмдүүлүктөрү, же шыктары менен айырмаланган дээрлик бардык айбанаттардын дене мүчөлөрү болгон. Ушундай эле тумарлардын жардамы аркасында башкырлар да балдарын көз тийүүдөн жана терс мүнөздөгү руханий күчтөрдөн корушкан[6].
Тырмак алдындагы көбүргөн – темирди отко кызытып ошонун буусуна кармайт. Же кара тооктун ичин жарып, ага 4–5 саат тыгат. Анын соңунан көк ташты сууга эзип жууйт. Жети жолкудан калбай сакаят.
Улжемил чөбү – дары чөптөрдөн «Манаста» уулжан аттуу чөптүн: «Уулжан берип ичинен, эски дартын буздуруп», – деп анын кайсы учурда пайдаланыла тургандыгы айтылып кеткен.
С. Орозбаковдун вариантында ушул эле дарынын улжемил деген формада айтылары кездешет.
«Улжемил деген дарысын, жутуп алды барысын.
Аккан каны басылып»[7].
Уу – баатырдык эпостордогу салттык туруктуу мотив. Эпикалык башкы каарманды тышкы же ички душмандары (туугандары, жолдоштору, кээде аялы, карындашы) чыккынчылык кылып, алдап ууландырып өлтүргөн фактылар көп учурайт. Убактылуу мерт болгон эпикалык баатыр өзүнүн магиялык колдоочуларынын (ат, шумкар, тайган же аялы ж. б.) жардамы аркылуу кайра тирилип, кара санаган душмандарынан өч алышы «Манас» эпосунда да туруктуу сакталып, өзүнчө эпостук окуя катары өнүктүрүлгөн. Эпостогу «Көзкамандар окуясы» эпизодунун негизги мотиви – башкы каарманды кара санатайлык менен ууландыруу жана анын ар кандай магиялык аракеттер менен сакайышы. Көзкамандар Манасты үйүнө конокко чакырып, уу кошулган ичимдик берет. Тубай Манаска даярдалып келген тамакка уу кошуп коёт. Коңурбай Бээжиндин Кары канына качып барат. Кары кан Манасты союп келгенге: «Алтын таажы кийгизем, Алтын такка мингизем» – деп жар чакырат. Ошондо түбү Манаска туугандык жайы бар Көкчеке менен Көзкаман баш болгон бешөө Манастын башын кесип келүүгө убадалашып жөнөшөт. Алар Манаска келишип: «Тууган деп тентип келдик», – деп туруп калышат. Манас аларды тең тууган катары кабыл алып, Таласка көчүрүп келип, айыл кондурат. Казына оозун ачтырып, каалагандарын берет. Акыры Көзкамандар Манасты алдап, жалгыз конокко чакырып:
Кылт этсе өлүп кетүүчү,
Жыттаса ажал жетүүчү,
Кырк жылкы уудан коштуруп,
Ачыткысын келтирген,
Кас кылганды өлтүргөн,
Көөкөргө куюп таптаган,
Ала көөдөн кабылан Кан Манаска сактаган[8], арак беришет.
«Манас кан тартып жиберип, Ичкенде көк жал бүк түшүп, Төбөсү менен тик түшөт»[9].
Көзкамандар Манас көзүн жумса, тегеректеп келип көзүн ачса, жабыла качып, сүрүнөн батынып, башын кесе албай алек болуп турушат. Манас уунун күчүнө ала деңги мас болуп, аялдарын жана чоролорун бирден санап эсептегенде, Акаярдын да атын айтканда, ал Манасты жаш баладай көтөрүп, өлөр-өлбөс жан менен ала качып, көзү тарткан белги боюнча жамандыкты билип келип калган Каныкейге табыштайт. Каныкей Манасты Кайыпчынын зоосундагы үңкүргө багып, Желмаянды мингизип, куюн көтөн Энтерини жиберип, Багдаддан жашыл кара дары алдырып дарылап, ууланган Манасты 60 күн дегенде адам катарына кошот.
«Алмамбет тыргооттун каны Канышайды өлтүргөнү» деген окуяда Алмамбет Канышайдын суу алганы келген Эшек кулак балбанын өлтүрүп, анын кийимин кийип, тыргооттун канынын ордосуна кирет. Бийлемиш болуп жүрүп:
Камдай барган ууларды
Бийлемиш болуп билгизбей,
Көп кытайга көргөзбөй, Көнөк менен көөкөргө
Куюп жүрөт Алмамбет[10].
Уулангандар эпосто төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Ичкен жерде бүк түшүп, Төбөсү менен тик тушуп, Өлүп жаткан мындан көп.
Оозунан көбүк чубуруп,
Баса албастан тыбырап, Араң жаны кыбырап, Сулап жаткан андан көп. Кусуктары басылбай, Кулап жаткан андан көп[11].
Ууландыруу тууралуу мотив «Семетейде» да кездешет. Семетей чоңоюп, Таласка келгенде, Жакып аны ууландырып өлтүрүүнүн аракетин кылат. Аны Бакай алдын ала билип:
Чоң атаң, ал чочконун үйүндө Күпчөккө салган бозо бар,
Ичинде күйдүргөн уусу кошо бар.
Чапчакка салган бозо бар,
Чачама уусу кошо бар, –
деп Семетейге: «Чоң атаң берген тамагын ичпе», – дейт[12].
Чынында эле Бакай чыгаары менен Жакып токолу Бакдөөлөткө: «Өрт өчкөндөй кылалык, Семетейге уу чыла»[13] (СК, «Семетей», 1. 214), – дейт. Анда Бакдөөлөт:
Тулпардан калган туякка, Кантип уу бересиң?
Туу казанат чунакка?!
Минтсең, как баш, оңбойсуң.
Өз балаңды өлтүрсөң,
Эгерде эки болбойсуң3, –деп наалыйт. Жакып аны токмоктоп, аракка уу чылатат. Бакай сырттан тыңшап, бул жагдайды угат да, Семетейге кабарлайт. Семетей келгенде, Жакып кубанган өңдөнүп, ага «уу чыланган ачуу ашты» сунгузат. Аны Семетей атакелеп: «Атадан мурун аш ичкен, Абийирдин баарын кошо ичкен бала оңорбу?» – деп, кайра аракты кан Жакыпка сунат. «Манас өлгөндө, каргыш кылып койдум эле», – деп Жакып ичпейт. «Атам ичпеген ашты мен ичмек белем?» – деп Семетей босогого серпет. Босогодо жаткан «көнөчөк баштуу көк даңгыт» жыттары менен «мүрт» кетет. Аны көргөн Семетей уу чыланган аягын Жакыптын башына көмкөрүп салат. Уунун зардабынан Жакыптын чачы, сакал-муруту күйүп, эси оойт.
Фармакогнозия – (грекче pharmakon – дары-дармек жана gnosis – билим) – фармакология илиминин өсүмдүктөр менен жаныбарлардан алынган дары-дармек чийки заттарын (сырьёлорун), о.э. аларды алгачкы иштетүүдөн алынган айрым өндүрмөлөрдү (продуктуларды) изилдеген бөлүмү // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 1265.
Фармакопея – (грекче pharmakon – дары-дармек жана poieo – жасайм) – дары-дармек каражаттарынын сапатына карата коюлган талаптарды регламентациялаган стандарттар менен жоболордун жыйнагы. Алгачкы фармакопея 1498-жылы Флоренцияда басылып чыккан. Россияда алгачкы фармакопея латын тилинде 1778-жылы, ал эми орус тилинде 1866-жылы жарык көрүп, фармакопеянын ырааттуу нумерациясына чыйыр салган (1987-жылы чыккан 11-басылыш) // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 1265.
Чар дары – Алты-жети жанаяк
Чар дары кылып жуткузса,
Казактардын эр Көкчө Умачтай көзү ачылды,
Ооруган жери басылды[14].
Чеч-Дөбө тоосу – райондогу «ыйык» делген жерлердин ичинен райондун борбору болуп саналган Ат-Башы айылынын түштүк-батышында 6 км обочороок, Ак-Жар, Кызыл-Дыйкан жана Ой-Терскен айылдарынын ортосунда жайгашкан Чеч-Дөбө тоосу өзгөчөлөнүп турат. Бул тоого турмушунда жолу болбогон адамдар өз кырсыктарынан арылып, жолун ачуу максатында табынышат. Аталган тоо малын жоготкон адамдарга «жардам» кылгандыгы менен белгилүү. Ошондой болсо да, Чеч-Дөбө тоосу ар кыл оорулардан жапа чеккен, өзгөчө төрөбөгөн аялдарга шыпаа берген ыйык жер катары Ат-Башы району гана эмес, андан сырткары аймактарга да өтө белгилүү болгон ыйык жерлердин бири. Бул жерге табынгандардын көбүнчөсү бейшембиден жумага караган түндү өткөрүү максатында келишет. Түндүн көпчүлүк бөлүгү эттен даярдалган тамак ичүү менен өтүп, адамдар бири-бирине сый-урмат көрсөтүшөт, колунда жок жетим-жесирлерге сообу тийсин деп устукан жана шорпо-шилең беришет. Ошол себептен табынууга келген адам, же аны коштоп жүргөн туугантуушкандар өздөрү менен кошо кой ала келишет. Колунда барлар жана дөөлөттүүлөр бир нече малды курмандыкка чабышкан. Эт желип бүткөн соң илдеттүүлөр 8–10 адам жатууга ылайыкташкан «атайы жатакка» түнөшкөн. Кийинки күнү алар эртең мененки тамагын жеп алып, үйлөрүн көздөй жөнөшкөн. Табынуунун учурунда дарттуулар ислам динине таандык ырым-жырымдарды жасап, келме келтирип, куран окушкан. Эгерде табынуунун учурунда дарттуу адам өзү мурда түшүнөн көрүп жүргөн чычкан, бака, торгой, бүркүт ж.б. айбанаттар менен канаттууларды ыйык жерден өңүндө көрсө, анда анын дарты толугу менен айыгат, же анын өтүнүчү аткарылат деген ынаным болгон. Революцияга чейинки жана эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз табынуучуларынын ыйык жерлерге шыпаа издөө максатында жасалган сыйынуу процесси, жалпы жонунан ушундай жупуну. Айрым учурларда Чеч-Дөбөгө жугуштуу илдеттен жабыркаган малды да айдап келишет.
Чыгыш борбордук жол – б.а., «адамзат тарыхында өзгөчө миссияны аркалагандыктан» [Рашковский Е. В., 1976. – С. 9], Чыгыш эч качан Батыш менен маданий алакада болууга муктаж болгон эмес жана муктаж болбойт деп Батыштын экспансиясына гана эмес, ойломдун европалык стилине, материалдык кызыкчылыктар менен демократиялуу идеалдарга негизделген баалуулуктарына да каршы чыккан жол.
Чыйкан чыкканда – өрүк какты кайнатып, анын кайнатмасын иче берүү керек. Шабдолунун сөөгүн күйгүзүп, күлүн солидолго аралаштырып чыйкандын оозуна жаап байлап койсо тез жарылат. Андан соң адырашман салынган жылуу суу менен жууп, чыйкандын ачылган оозуна бал жаап таңып таштайт.
Шакый – баштын бир жагынан катуу оорушу менен мүнөздөлгөн оору. Анда көңүлү айнып кусат, чыйрыгат. Көрүү, сүйлөө, угуу, сезүү начарлайт, баш айланат. Шакыйды дарылоодо эски кайыш сызма менен теңдеп, кан айлануу үчүн беш күн катар укалап, чачтан талталдап үзүү керек. Дары чөп ичилет. Мисалы, жалбырак көк чай чөп, көкөмерен, кереч тамырын.
Шал – булчуңдардын нерв системасы бузулганда эркин кыймылдардын жоголушунан болгон оору. Бул ооруну өтө кылдат дарылоо керек. Эки далынын үстүнөн, белден картык менен кан алса көп жардам болот. Укалоонун жардамы менен айыктырса болот.
Эзотерикалык – (грекче esoterikos – ички) – кандайдыр бир максатта атайы тандамал деп алынган артыкчалуу адамдарга (избранные, посвященные люди) гана арналган, ошол адамдар түшүнө турган гана жашыруун, табышмактуу, ыйык нерсе // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 1389.
Эмпиризм – (грекче empeiria – тажрыйба) – тааным теориясында нукура туура таанымдын жападан жалгыз булагы болуп тажрыйбалар менен эксперименттер саналат деген багыт. Айтсак, өзүнүн «Китаб Аш-Шифа» («Шыпаа китеби») жана «Канун Фитт-Тибб» («Медицина илиминин мыйзамдары») деп аталган атактуу китептеринде медициналык эмпиризмге чыйыр салган Абу Али Ибн Сина (Авиценна) адам организмин изилдеп, үйрөнүүнүн негизги булагы катары өлгөн адамдардын денесине ар кыл тажрыйбалар менен эксперименттерди жасоо методун атаган. Эмпиризм рационализмге каршы келип, илимий түшүнүктөрдү, теориялардын ролун четке кагуу, же ашкере чектөө менен сезим-туюмга негизделген тажрыйбаларды жана эксперименттерди абсолютизациялайт // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издателңство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 1405.
Эмчек безинин сезгениши – аялзатынын эң талуу мүчөсүнүн бири эмчек. Эмчектин сезгенишине ар кандай себептер түрткү болот. Терең ойлонуудан, урунуудан, кандын бузулушунан, төрөттөн же бойдон түшүүдөн, суук тийгенден, сүт туруп калуудан. Эгерде убагында дартын коюп туура дарылабаса эмчектин рак оорусуна алып келет. Чөптөрдүн аралашмасын тартуу жолу менен дарыласа болот. Казтаңдай, чалкан, төө уйгактын жалбырагы, сасык маталдын түбү, согон, уу коргошун, бака жалбырак чөптөрүн чогуу аралаштырып майда туурап ак самынга ачытылып, бузулуп кетпеш үчүн спирт кошулат. Эмчек безинин үстүнө 3–5 саатка чейин, 5–7 күн шишик кайтканча тартылат дагы жарылганча жардам бериш үчүн жапайы коёндун терисин жаап тартып 7–9 саатка чейин кармаш керек, эгерде жарылып чыкса казтаңдай, чалкан, бака жалбырактын кайнатмасы менен бир күндө бир канча жолу жуулат. Каксыз айыктырыш үчүн уу коргошун менен айыктырса болот. Бир нече кабат тигилген даки баштыкчага кайнатып, аз өлчөмдөгү уу коргошунду салып суу өтпөгөн чүпөрөккө коюп жылуу бойдон тартуу керек. Ошондо уулануу коркунучтуу болбойт. Уу коргошунду колдонгон маалда мүнөздөп тамак ичүүсү зарыл.
Учук оору – эти ысыганда суу берип, тамакка салат. Анан тамыры көтөрүлгөндө, ысыктап калды деп кайта суу берет. Учук ооруда ысык-суук ичсе дагы тамак жакпастан, эрдинен каны качып, тырмактарынан да каны качып күйүкчөн болуп, көзү китирейип, уйкусуз болуп калат. Аны айыктырыш үчүн тарууну актап, сууга жууп, суюк аш кылат.
Этология (грекче ethos – каада-салт, кулк-мүнөз, logos – окуу) – жаныбарлардын табигый шарттардагы жүрүм-турумун изилдеген биологиялык илим; жүрүмтурумдун генетикалык жактан шартталган (тукум куучулук, инстинктивдик) компоненттерин, о.э. жүрүм-турумдун эволюциясын анализдөөгө айрыкча көңүл бурат. Зоология, эволюциялык окуу, физиология, экология, генетика менен тыгыз байланышкан. Жаныбарлардын жүрүм-туруму тууралуу кеңири маалыматтар XVIII–XIX кылымдардын табият таануучуларынын эмгектеринде эле кездеше баштаган. Жаныбарлардын жүрүм-турумун изилдөөгө Ч. Дарвиндин эмгектери зор таасир эткен. Заманбап формасында этология илими ХХ кылымдын 30-жылдарында К. Лоренц менен Н. Тинбергендин эмгектеринин натыйжасында пайда болгон. «Этология» термини биология илимине 1859-жылы И. Жоффруа Сент-Илер тарабынан киргизилген // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А.М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.:«Норинт», 1998. – С. 1416.
[1] Караңыз: Поярков Ф. Из области киргизских верований // Этнографическое обозрение. – 1891. – № 4; Поярков Ф. Джинны из области киргизских верований // Этнографическое обозрение. – 1894. – № 1; Поярков Ф. Кара-киргизские легенды, сказки и верования. – Пишпек, 1899.
[2] Караңыз: Шишов Н. Таджики. – Ташкент, 1910. – Ч. 1.
[3] Караңыз: Тэйлор Э. Первобытная культура. – М., 1939; Фрезер Д. Золотая ветвь. – Л., 1928.
[4] Караңыз: Коран Магомета / Перевод с французского Николаева. – М., 1876.
[5] Пантусов Н. Н. Таш-Рабат // Известия имперской археологической комиссии. – 1902. – Вып. 4.
[6] Караңыз: Руденко С. М. Башкиры. – Л., 1925. – Ч.
[7] Орозбаков С. Манас // Кол жазмалар фонду. 575-инв. 160-бет.
[8] Семетей. С. Каралаевдин варианты боюнча. – Т. 1. 196-бет.
[9] Ошондо эле.
[10] Манас. С. Каралаевдин варианты боюнча. – Т. 2. 134-бет.
[11] Ошондо.
[12] Семетей. С. Каралаевдин варианты боюнча. – Т. 1. 240-бет.
[13] Ошондо, 241-бет. 3 Ошондо, 245-бет.
[14] Каралаев С. Манас. 2-том. 250-бет.
Б. Т. СУЛТАНАЛИЕВ
XIX КЫЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН
САЛАМАТТЫКТЫ САКТООДОГУ АБАЛЫ
(Пишпек жана Пржевальск уезддери боюнча – ХIХ к. 2-жар. – ХХ к. башы)
ХIХ кылымдын ортосунда аталган чөлкөмдө Россия империясынын бийлиги орноп, орустардын жаңы административдик түзүлүшү киргизилген. Ага ылайык, колониялык администрациясынын, аскер кызматкерлеринин, аймакка көчүрүлүп келинген орус, украин дыйкандарынын саламаттыгын камсыздоо максатында атайын ооруканалар, аскердик лазареттер түзүлгөн. Аталган мекемелерде иштеген орус-интеллигент дарыгерлеринин ишмердүүлүгүнүн аркасында чөлкөмдөгү кыргыздардын арасында алгачкы медициналык билимдер жайыла баштаган. Бирок, ошол кездеги орус медицинасынын деңгээли ар кандай эпидемиялык ооруларга каршы турууда көп учурларда ийгиликтүү боло берген эмес. Ооруну алдын-алуу, профилактикалык иш-чаралар отурукташкан калктуу пункттарда жүргүзүлүп, бирок, көбүнесе оору күчөп кеткен маалда гана уюштурулган. Уездердеги шаар, кыштактарда жана көчмөн болуштуктарда дайым медициналык кызматкерлер жетишсиз болуп, ал өзгөчө эпидемиялык жугуштуу оорулар күч алган мезгилдерде абдан сезилген. Көп учурларда жергиликтүү кыргыздардын ичинде чыккан эпидемиялык ооруларга каршы күрөшүүгө чыкканга дарыгерлер жок болуп, ар кандай санитардык шарттардын жоктугунан мүмкүнчүлүктөр болгон эмес деген жүйөлөр келтирилген. Чындыгында, колониялык бийлик көчмөндөрдүн арасында чыккан эпидемиялык коркунучтуу оорулардан орус-славян калкын коргоого багытталган карантиндик иш-аракеттерди жүргүзүү менен гана чектелишкен. Ошондуктан, мындай эпидемиялык оорулардын мезгилинде өзгөчө жергиликтүү «бөтөн» элдердин арасында массалык адам курмандыктарынын болуп турушу кадимки көрүнүш болгон.
Жетисуудагы колониялык бийликтин саламаттыкты сактоо жаатындагы статистикалык маалыматтарында да келгин орус калкы, азыраак сарт, дунган ж.б. отурукташкан элдер камтылып, көп учурларда кыргыз көчмөндөрү кирбей да калган же алар туурасында жалпы маңыздагы, негизги маалыматтар гана көрсөтүлгөн. Ошентсе да, ошол учурда колониялык администрацияда жана аскер бөлүктөрүндө кызмат кылышкан орус дарыгерлеринин кыргыздарга жардамы тийбей койгон эмес. Алар алгачкы жолу илимий медициналык ыкмаларды колдонуп, кыргыздардын саламаттыгын, анатомиялык түзүлүшүн, оорулардын мүнөзүн, себептерин, өрчүүсүн ж.б. боюнча, комлекстүү изилдөөлөрдү, байкоолорду жүргүзүшкөн. Алар тарабынан жүргүзүлгөн баалуу изилдөөлөр бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой келет. Мындай эмгектер жеке эле медицина илиминде эмес, тарыхый-этнографиялык булак катары да мааниси абдан жогору десек жаңылышпайбыз. Алардын катарына изилдөөчүлөр Н. Д. Зеланд, А. Е. Алекторов жана орус дарыгерлерлери Ф. В. Поярков, В. В. Вышпольский, А. Пржегодский, В.М. Фрунзе ж.б. кошсок болот.
Россия империясынын курамына кошулганга чейин Кыргызстандын аймагында медициналык мекемелер болгон эмес, ал эми жергиликтүү калк кылымдап топтолгон тажрыйбага негизделген салттуу дарыгерчиликти колдонуп келишкен. Советтик мезгилдеги изилдөөчүлөр Октябрь революциясына чейинки мезгилдеги кыргыздардын күнүмдүк турмуш-тиричилигинин оордугу, тамак-аштын жетишсиздиги, боз үйдүн суук мезгилдерге ылайыкталбашы, жеке жана тиричилик гигиеналарынын сакталбашы, жалпы эле саламаттыгынын төмөндүгүн баса белгилеп келишкен [1;2;3]. Ошондой болсо да, ошол мезгилде кыргыздардын арасында жашаган орус дарыгерлеринин айтымында, негизинен кыргыз көчмөндөрү дени сак эл болгон. Алар өздөрүнүн кылымдан бери келе жаткан жашоо образына ыңгайлашкандыгын, суук ка жана ачкачылыкка чыдамдуулугун, тиштеринин эң сонун абалын, күчтүү тамак сиңирүү жөндөмдүүлүгүн, жарааттардын айыгуу ылдамдыгын, жакшы дене түзүлүшүнүн, өнөкөт оорулуулардын (кийин пайда болгон котон жара менен ооругандардан тышкары) саны аз экенин көрсөтүшкөн. Алар ар кандай жугуштуу оорулардан (чечек (оспа), өпкө чумасы (легочная чума), келте (тиф), ж.б.) жапа чегишкен. Тигил же бул боз үйдө чечек ж.б. жугуштуу оорулар пайда болгондо, оорулууларды боз үйгө тамагы менен таштап, дени сак адамдар башка жерге көчүп кетишкен. Эгер мүмкүн болсо, мурун чечек менен ооруган карыган адамды (кемпирди) оорулууларга кам көрүү үчүн бөлүп беришкен. Тамак-аш жана башка нерселер алыстан узун таяктар менен жеткирилген. Ошондуктан, чоң эпидемиялар сейрек кездешкен, балким, көчмөндөр жашаган жерин тез-тез алмаштыруусунан жана үйлөрүнүн дайыма желдетилип турушунан да болушу мүмкүн деп айтышкан.
Кыргыздардын салттуу дарыгерчилиги тууралуу изилдеген Тентигул кызы Назиранын пикиринде, кыргыздардын салттуу дарылоосунун өкүлдөрү төмөнкүдөй бөлүнгөн: Эмпирикалыкка – табып, тамырчы, киндик эне, аначы, канчы, сыныкчы, укалоочу ж.б. Магиялыкка (мистикалык) – бүбү-бакшы (шаман), куучу, көзү ачык, жоруучу, кумалакчы, болжоочу, сөз менен эмдөөчү, жылдызчы (астролог), жайчы, ж.б. Динийге – эшен, калпа, молдо, олуя ж.б. кирген [19:21-54]. Негизинен дарылоону салттуу дарыгерчилигинин өкүлдөрү – табыптар, дарыгерлер, тамырчы, канчы, сыныкчы, аначы ж.б. эмпирикалык каражаттарды колдонуп жүргүзүшкөн. Алар элдик медицинанын кылымдардан топтолгон тажрыйбасын колдонуп, өз убагында оң роль ойногон. Өз алдынча кайнатмаларды, тундурмаларды, майларды, күкүмдөрдү даярдашкан. Табыптар дарылоодо ар кандай тектеги каражаттарды (өсүмдүк, жаныбарлар жана минералдык каражаттар), андан тышкары, дене терапиялык жана башка дарылоо ыкмалары колдонушкан. Мисалы, оорулууну жаңыдан союлган малдын терисине орогон
ж.б. Тамырдын кагышын аныктоо менен оорулууларды дарылагандар тамырчыларга кирген. Алардын ыкмасы боюнча тамырдын кагышы эки түргө бөлүнүп (тамыр согушу чыңалып турса – «ысык оору», алсыз болсо – «суук оору»), дарылоо тамак режимин (диета, сууну көп кармоо менен жүргүзүлгөн. Сыныкчынын дарылоо ыкмасы сөөктөрдү түздөө болгон. Сөөк орнотуучулар сыныкты эки тактай менен кыймылсыздандыруу ыкмасын колдонушкан. Кийинкиси канчы деп аталган, анын ыкмасынын маңызы кан чыгаруу болгон. Алар өзгөчө муун, баш ооруларын, минингит ооруларын кан чыгаруу аркылуу дарылашкан. Ошондой эле жараларды күйгүзүү жолу менен дарылоо жүргүзгөн табыптарды бөлүп көрсөтүүгө болот. Мисалы, сибир жарасын ысык темир менен күйгүзүп дарылашкан, ошондуктан бул оорунун аты «күйдүргү», «күйгүзүлгөн», «ысытылган» дегенди түшүндүргөн. Киндик эне, аначы (акушер) – төрөп жаткан аялга жардам берген эмчи аял. Акушерлик медициналык илим катары пайда болгонго чейин кыргыздарда өтө кеңири таралган. Оор төрөт маалында курсагын басып, толгоодогу аялды силкип ж.б. жасаган. Курч устара менен баланын киндигин так түбүнөн кесип,ага кийиз күйгүзүп басышкан. Кескен аялды «киндик эне» деп аташып, экинчи эне катары эсептеген. Табыптар негизинен симптомдуу дарылоону колдонушкан. Көптөгөн дарыларды колдонушуп, көпчүлүк учурда дарыларды өзү даярдаган. Алардын курамы көбүнчө өтө татаал (мөмөлөрдөн, тамырлардан, уруктардан, чөптөрдөн, жалбырактардан, гүлдөрдөн, козу карындардан, кабыктан, минералдардан ж.б.) болуп, жашыруун сакталган. Табыптар дээрлик операция жасашкан эмес. Ысык-Атанын, Жети-Өгүздүн ж.б. жылуу булактарда дарылануу катары жуунушкан.
Салттуу дарыгерчиликтин эмпирикалык ыкмасынан тышкары, диний-мистикалык да ыкмалар колдонулуп, оору-сыркоолор менен дарттарды дарылашкан. Бакшы – ооруга чалдыккан адамды дубалап, алкагына темир шакекчелер илинген добулбасын ала жүрүп, добулбас кагып, «жин-шайтандарды» кубалап, буркан-шаркан тү шүп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдой турган дарымчы болгон. Аял бакшы бүбү деп аталган. Куучулук адамдарды ээлеп алган жин-шайтандарды, албарстыны же кара энергияны организмден кууп чыккан, аты аталган терс күчтөр менен күрөшкөн. Төлгөчү, күзгү, далычы деп аталгандар таш, күзгү, койдун далысы сыяктуу жансыз нерселердин аркасында тарткан төлгөлөрү жаратылыш кубулуштарынын айрым касиеттерине ынанган фетишизмге байланыштуу көз караштар менен тыгыз байланышкан. Мисалы, алар атайы мүнөздөгү дарылоо менен эмдөөнүн зарылдыгын белгилешкен, сакаюнун мөөнөтүн аныкташкан. Мусулман молдосу, эшен, олуя дарттын рухун денеден кууп чыгуу максатында бир Кудайдын жардамына кайрылып, Куран окуп, оорулууга дем салышкан. Дарылоо ишинде молдого караганда олуянын орду жогору болгон. Бул мезгилде тотемизм, фетишизм, рухтарга, ата-бабаларга сыйынуу сыяктуу элементтер да болуп, алар дубалоо, ырым-жырымдар ж.б. аркылуу дарылашкан. ХIХ кылымдын аягы ХХ кылымдын башындагы кыргыздардын арасындагы дарттуу адамдар шыпаалуу жерлер катары башка аймактардан өзүнүн сырткы сыпаты жана артык касиеттери менен айырмаланган булактарга, тал-теректерге, аска-зоолорго, тоо-таштарга, шаркыратмаларга табынып келишкен. Мисалы, КочкорАта, Алтын-Арашан, Ысык-Ата, Чолпон-Ата, МанжылАта, Тал-Мазар, Баба-Ата, Котур-Булак ж.б.
Ошентип, жергиликтүү калк кылымдап топтолгон тажрыйбага негизделген салттуу дарыгерчиликти колдонуп келишкендиги айтылды. Ал эми ХIХ кылымдын ортосунан тартып, орус интеллигент-дарыгерлеринин ишмердүлүгүнүн аркасында чөлкөмдөгү жергиликтүү калк арасында алгачкы медициналык билимдер жайылган. Орус дарыгерлери жергиликтүү салттуу дарыгерчиликтин дарылоо ыкмаларын түшүнүшкөн эмес жана аларды караңгылык деп эсептешкен.
1867-жылдан тарта Россия империясындагы земстволук дарылоо системасына ылайык, кыргыз көчмөндөр алгачкы илимий медициналык жардамды уезддик шаарларда жана аскер пункттарында ала башташкан. Шаарлардын ар биринде уезддик дарыгер жана дарыканасы менен кабыл алуу бөлмөсү болгон. Тынымсыз байкоону жана узак мөөнөттүү дарылоону талап кылган маанилүү учурларда аскердик лазареттерге жаткырылган. Чечекке каршы эмдөө үчүн кыргыздардан ичинен чыккан атайын тандалма эмдөөчүлөрү иштеген, алар керектүү каражаттардын баары менен камсыздалып, уезддик дарыгердин көзөмөлүндө болгон. Аймактын чоңдугуна жана калктын санына салыштырмалуу медициналык борборлордун жана кызматкерлердин саны аз болгондуктан, өздөрүнүн жайгашуусунун туруксуздугуна да байланыштуу көчмөндөр көп учурда эмпирикалык каражаттарга жана табыптардын (элдик дарыгер) кеңешине кайрылууну уланта беришкен.
Орус дарыгерлеринин маалыматтары боюнча, кыргыз көчмөндөрүнүн арасында мезгил-мезгили менен пайда болгон жугуштуу чечек оорусу көптөгөн курмандыктарга алып келген. Андан жашы жете элек балдар гана эмес, чоңдор да массалык түрдө көз жумушкан. Ысык-Көлдөгү аскер лазаретинин кенже дарыгери В. Вышпольскийдин аскердик-медициналык журналга жарыяланган эмгегинде Ысык-Көл уездиндеги кыргыздар арасындагы табигый чечектен 1870-жылы – 574, 1875-жылы – 568, 1878-жылы өлүмдүн саны 600дөн ашкан. Жыл сайын каза болгондордун саны бир кыйлага көп болушу мүмкүн болгон, бирок, алар катталбай калган. Чечек оорусунан каза болгондор негизинен шаардын жана шаарга жакын жайгашкан айылдардын калкынын арасында гана катталган. В. Вышпольскийдин айтымында, «төрөлүү аркылуу калктын саны бир аз гана көбөйгөн, ал эми кээ бир улуттарда, мисалы, кара-кыргыздарда жана сарт калмактарда өлүмдүн деңгээли, албетте, төрөлүү көрсөткүчүнөн ашат, жок эле дегенде, бул көрүнүш кээ бир жылдары, б.а. 1883 жана 1886-жж. байкалган» [6:146].
Баштапкы мезгилде чечекке каршы эмдөө жүргүзүү ырым-жырымдардын, ишенбөөчүлүктөрдүн айынан кыргыздарда эле эмес, орус калкынын өздөрүндө да көп төгөн тоскоолдуктарга кабылган. Мисалы, чечекке каршы эмдөө орус калкынын арасындагы ишенбөөчүлүктүн айынан керексиз жана ашыкча деп эсептелсе, ал эми мусулмандарда бул күнөө деп эсептелген. Бирок, чечекке каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн жергиликтүү калк акырындап түшүнө баштаган. Изилдөөчү А. Е. Алекторовдун айтуусу боюнча да, Түркстандын башка аймактарына салыштырмалуу Жетисуу облусунда чечекке каршы эмдөө кыйла ийгиликтүү болгон. Эгерде 1868-жылы бул жерде чечекке каршы эмдөө 2158 кишиге жасалган болсо, 1869-жылы 23754, анын ичинде 2261 кыргыздар болсо, 25,4%ы Токмок уездине туура келген [4:22]. Жетисуудагы колониялык бийлик эмдөөчүлөрдү камсыздоого кыргыз болуштуктары, бекеттер жана орус дыйкандар кыштагынын коому милдеттендирген. Аларга акы төлөп берүү коомчулуктун өкүмү менен жылына 40дан 100 рублга чейин болгон. ХIХ кылымдын 90-жж. кийин бул акы 50дөн 120 рублга чейин көтөрүлгөн. Эмдөөчүлөрдү окутуу уездик дарыгер тарабынан жүргүзүлүп, жергиликтүү кыргыздарды да эмдөөчүлүккө үйрөтүшкөн. 1872-жылы Жетисуу облусунун уезддеринде калкты чечекке каршы 82 эмдөөчү иштеген. Эмдөөчүлөрдү атайын чечек лимфасы менен камсыз кылуу боюнча, Верныйда 1879-жылдан баштап, Өзгөчө бөлүк уюштурулган. Ага жыл сайын земстволук жыйымдан 600 рубл бөлүнүп турган. 1885-жылга карата, облуста 126, Токмок уездинде 20, Ысык-көл уездинде 18 эмдөөчү иштеген. Алдын-ала эмдөөдөн 31497 адам өтсө, анын 30447си ийгиликтүү болгон [20: л. 18-19, 27].
1880-жж. этнолог Н. Д. Зеландын айтымында, кыргыздарда жугуштуу оорулар мезгил-мезгили менен чыгып турган. Көбүнчө чечектин анча чоң эмес эпидемиялары кездешкен, бирок, бул оору эмдөө жүргүзүлбөгөн мурунку мезгилдерде көчмөндөр арасында теңдешсиз чоң күчкө ээ болгон. Мындан башка, көбүнчө, мезгилмезгили менен кармаган безгек, калтыратма оорулары да болуп турган. Негизинен, кыргыздар орус дарыгерлерине чоң ишеним артып, шаарга баруудагы ыңгайсыздыктардан гана, өздөрүнүн табыптарына көрүнүүгө мажбур болушкан. Алардын ичинде чечекке каршы милдеттүү эмдөөгө бирин-экин каршылык көрсөткөндөр да жолуккан эмес [7:61].
Бирок, тилекке каршы, ошол кездеги орус медицинасынын деңгээли мындай массалык эпидемиялык, жугуштуу ооруларды токтото алган эмес. Колониялык бийлик да жергиликтүү тургундардын ден соолугун коргоону өзүнүн максаты катары койбогон. Көчмөн калктын арасындагы мезгил-мезгили менен чечектин кыйратуучу соккусу эске алынып, бирок, кырдаалга жараша кеңири чаралар уюштурулуп, чечкиндүү күрөш жүргүзүлгөн эмес. Чечекке каршы эмдөө ишинин чеке жылытпагандыгын жана кыргыз калкынын арасында чечек оорусунун албууту тууралуу өз кезегинде дарыгер-окумуштуу Ф. Поярков кеңири баяндап жазган [17:37-38]: «Чичяк же чечек каракыргыздардын тилинде «улуу тумоо» деп айтылат. Чечек сөзү кыргызда «сары гүл» дегенди түшүндүрөт. Алар чечек оорусун ыйык жана адил «Азиз» адам катары кабылдашкан. «Сары гүлдүн» көчмөндөрдүн арасында пайда болушу коркунучтуу дүрбөлөңдү чыгарып, үрөйлөрүн учурган. Суудан башка эч нерсе менен дарылашпайт, бирок, түлөө кылып, курмандык чалган, эгер ал токтоп калса, эң мыкты, сүйүктүү малынын бирин союуга убада беришкен. «Сары гүл» менен ооругандар өзүнчө, ансыз деле жарактан чыккан эски боз үйгө жайгаштырылып, аларга кам көрүү үчүн карып калган кемпирди, мүмкүн болсо мурда чечек менен ооруганын коюшат. Андан кийин айланадагылардын баары аны менен бардык байланышты токтотот.
Күбө катары айта кетейин, коркунучтуу «сары гүл» менен ооруп, бактысыздыкка учурагандардын чындап эле коркунучтуу абалын сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Көчмөндөрдүн арасындагы бул оорулар бир канча убакыттан бери тез-тез кайталангандыктан, кадимки милдеттүү көрүнүшкө айланып калды. Ал эми өткөн 1898жылы Пишпек уездинин бир катар болуштуктарынын кыргыздары үчүн өтө аянычтуу болду, алардын арасында «сары гүл» үрөй учурарлык өлчөмдө дүркүрөп, көптөгөн курмандыктарга дуушар кылды. Тилекке каршы, кээ бир орус конуштарына да кирип, өзгөчө Чоң Токмок айылында бир топ түшүм жыйнаган. Курмандыктар Пишпек шаарын да кыйгап өткөн эмес. Менин билишимче, бул гүл кыргыздарда терең тамыр жайган, ошондуктан, ал жылдын кайсы мезгилинде болбосун өсөт (жана бирден көп жолу), бирок, өзгөчө сонун өнүгүп, уулуу жалбырактарын күзүндө жана кышында жаят. Балким, адамдардын көбүрөөк топтолушунан улам болот. Биздин администрация бул «сары гүлгө» каршы күрөшкө эң олуттуу көңүлүн буруп, мындай кыйратуучу гүлдүн мындан ары өсүшүн тез арада токтотуу үчүн эч кандай каражатка, чыгашага карабастан, эң чечкиндүү жана кенири чараларды көрүүсү керек. Бүгүнкүдөй масштабга ээ болгон чечек эпидемиясынын болушу бизди чечекке каршы эмдөө иши ушул убакка чейин туура эмес болуп келгендигин дагы бир жолу ынандырат, ошондуктан, ал тез арада жана түп-тамырынан кайра иштелип чыгууга муктаж, албетте, анын ийгиликтүү жана жакшы натыйжалары кагаз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да көрүнүп турушу керек. Бул калкты өлүмгө учураткан гүлдүн өсүшүн канчалык тезирээк токтотсок, анын ээн эркин тоскоолдуксуз өсүп-өнүгүшүнө жол берип жана эч кандай күнөөсүз көптөгөн адам курмандыктары болуп кеткен уятсыздыктан өзүбүздү ошончолук эртерээк тазалайбыз».
Ошентип, аймакта чечекке каршы эмдөө жылданжылга туруктуу улантылганы менен эмдөө жалпы калк арасында, өзгөчө жергиликтүү эл ичинде масштабдуу деңгээлде ишке ашырылган эмес. Эгерде 1895-жылы Пишпек уездинде 5658 адам эмдөөдөн өтүп, 27 эмдөөчү болсо, Пржевальск уездинде 8629 адам эмдөөдөн өтүп, 23 эмдөөчү иштеген. Ал эми 1898-жылы алардын саны көбөйгөн: Пржевальск уездинде – 16 141 адам эмдөөдөн өтүп, 29 эмдөөчү болсо, Пишпек уездинде – 7357 адам эмдөөдөн өткөн жана 35 эмдөөчү иштеген. Жалпы облус боюнча, 42 783 адам эмдөөдөн өткөн. Кийинки жылдары да чечек оорусу менен күрөшүү кеңири кулач жая алган эмес. Себеби, медициналык тейлөөнүн төмөндүгү, дарыгерлердин жетишпестиги, казынадан жетиштүү деңгээлдеги каражат бөлүнбөгөндүгүнөн жана эң негизгиси жергиликтүү элдерге карата колониялык бийликтин кош көңүл саясатынын натыйжасынан болгон. Облус боюнча, башка жылдарга салыштырмалуу эң көп чечекке каршы эмдөө 1910-ж. 76 169 адамга жүргүзүлгөнү менен, 32 732си гана ийгиликтүү болуп, 2 487 адамга экинчи жолу эмдөө жасалган. 1912-жылы – 63 569, 1908-жылы – 42 245, 1909-жылы – 51 491 адам эмделген. 1913жылы чечекке каршы эмдөө төмөнкүдөй жүргүзүлгөн:
Шаарлар жана уездер | Чечекке каршы эмделгендер | |||
бардыгы | ийгиликтүү | ийгиликсиз | белгисиз | |
Пишпек шаарында | 459 | 275 | 130 | 54 |
Пишпек уездинде | 10 703 | 7 939 | 1 540 | 1 224 |
Пржевальск шаарында | 484 | 375 | 104 | 5 |
Пржевальск уездинде | 10 713 | 10 075 | 419 | 219 |
Жалпы облуста | 58 223 | 46 816 | 7 581 | 3 826 |
1900-жж. башында 1 миллиондон ашык калк жашаган облуста, 50-70 миң адамдардын чечекке каршы эмделиши албетте, ооруну токтото алган эмес. Бирок, ошол мезгилдеги орус медицинасы ар кандай эпидемиялык ооруларга каршы баары бир алсыздык кылганына карабастан, орус дарыгерлери жүргүзгөн профилактикалык эмдөөлөр аймакта жугуштуу ооруларга каршы уюштурулган алгачкы илимий медициналык жардам болуп, калктын саламаттыгына оң таасир берген.
Мындан тышкары, кез-кезде (спорадически) ич келте (брюшный тиф), сырт келте (сыпной тиф), кара чычкак (кровавый понос), кара тумоо (чума) ж.б. эпидемиялык коркунучтуу оорулар чыгып, көптөгөн курмандыктар болгондугу айтылат. Бирок, булардын бардыгы эле орустардын статистикалык маалыматтарында көрсөтүлө берген эмес. Орус дарыгерлеринин айтымында, кыргыздарда чоң эпидемиялар сейрек кездешкен, балким, көчмөндөр жашаган жерин тез-тез алмаштыруусунан жана үйлөрүнүн дайыма желдетилип турушунан болушу мүмкүн болгон. Андан тышкары, кыргыздар жугуштуу оору чыккан жерден дайым көчүп кетишип, карантиндик абалды бекем карманышкан. Мисалы, 1907-жылы күтүүсүздөн Пржевальск уездинин тоолуу Нарын аймагындагы Атбашы өрөөнүндө өпкө чумасы (легочная чума) катталган. Нарын чыңдоосундагы аскердик дарыгердин билдирүүсү боюнча, Чеч-дөбө болуштугундагы Жангарачев деген адам кара суур кармап, терисин сыйрыганда жуктуруп алган. Бул эпидемиялык оору Аксай өрөөнүндөгү Чатыркөлдөн 12 чакырым аралыктагы Кара-чуңкур деген жерде башталып, анын очоктору Атбашы өрөөнүндөгү Өрүм суусунун коктусунда жана Терек-сууда, Нарын өрөөнүндөгү Жан-булак деген жерде пайда болгон. Тез арада Нарын чыңдоосунда санитардык-аткаруу комиссиясы түзүлүп, орус калктуу пункттарды коргоо максатында, аталган аймакты курчоого алышкан. Мындан тышкары, Верный шаарынан облустук дарыгер доктор Егоров жана Казандан келген бактериолог Шендриковский башында турган дарыгердик экспедиция түзүлгөн. Экспедициянын ишине аймактык дарыгер Лаурент катышкан. Дарыгердик экспедициянын милдети эпидемиянын келип чыгышынын себебин аныктоо болгон. Ал эми жергиликтүү кыргыздарга карата медициналык жардам көрсөтүлбөстөн, карантиндик чараларды көрүү жана өлгөндөрдү терең көмүү, өлгөндөрдүн кийим-кечек жана башка буюмдарын өрттөө менен гана чектелишкен. Ошентип, экспедициянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча, ата-энеси каза болуп тактоого мүмкүн болбой калган бир нече кичинекей балдардан тышкары, 51 адам каза тапкан [13:90-93].
Аймакта безгек ооруларынын кеңири жайылгандыгына байланыштуу кыргыз көчмөндөрү да четте калган эмес. Статистикалык маалыматтарда безгек оорулары менен ооруган кыргыздар өзүнчө бөлүп көрсөтүлбөйт жана бул маалыматтарга кирген же кирбегени белгисиз. Ошондуктан, бул тууралуу эскерүүлөрдөн, адабияттардан, ошол мезгилде иштеген дарыгерлердин илимий макалаларынан толук эмес маалыматтарды гана алабыз. Ф. Поярковдун маалыматы боюнча, «калтыратма же безгек оорусу кыргыз көчмөндөрүнүн түшүнүгүндө шайтандан келип чыккан. Алар ооруну шайтан жиберген жийиркеничтүү карыган чалдын же кемпирдин образында элестетишкен. Шайтан жакшы, чыныгы адамдын жолунан чыгарып азгыра албаганда, безгек оорусу менен жазалаган. Жаман рух адамдын ичине тамак-аш аркылуу кирген. Бул каардуу рухтун сүйүктүү жери саздак жерлер, эски журттар жана кыштоолор болгон. Буга чейин бул ооруну суу менен эле дарылашкан, андан сырткары, моюндарына тумарларды да тагынышып, дарыланышкан. Аларды дубаналардан, сопулардан, ажылардан жана ар кандай эшендерден көп акча төлөп, сатып алышкан. Байлар жана оокаттуулары Бухарадан, Кокондон жана Фергананын башка шаарларынан ар кандай дарылык тумарларды буйрутма кылып, ал тургай Меккеден алып келишкендей болгон. Кээ бирөөлөрү дагы эле бул тумарлардын ооруларды айыктыруучу күчүнө ишенишкен, бирок, элдин көбү, айрыкча көбүрөөк жаш муундар муну алдамчылык деп эсептеп, ишенимин жоготуп коюшкан. Орустардын келиши менен «ачуу-ак», башкача айтканда, хинин дарысын безгекке каршы колдоно башташкан. Кара кыргыздарда безгек менен көпкө чейин ооругандын натыйжасында «учук», кыязы, өпкөнүн өнөкөт сезгенүүсү, «чарбызак» сары суу оорусу, ж.б. алсыратуучу оорулар өөрчүп, өлүмгө дуушар кылган. Азыркы учурда мындай кейиштүү натыйжалар орус дарыгерлеринин аракети менен өтө сейрек болуп калды, бирок, мурунку күндөрдө мындай кесепеттер кадимки эле көрүнүш болгон. Башка оорулардай эле безгек оорусун да, өздөрүн «табып», «тамырчы» атаган кыргыздардын дарыгерлери дарылашкан. Алардын камылгадагы болгон билими тамырдын кагышын тапканды гана билген. Жалгыз суу менен гана дарылашат. Буга чейин бир эмес, бир нече жолу безгек менен ооругандан жүдөп, көтөрүм болуп калган кыргыздарды көрүүгө туура келди, алар өздөрүнүн «табыбынын», «тамырчысынын» дарылоо эрежесин так аткарып, бир нече күн эч нерсе жебей, күнүнө төрт чакадан суу ичкен. Кыргыздар табиятынан чындап эле чыдамдуу болгон». Изилдөөчү А. Е. Алекторовдун пикиринде, калтыратма (бизгек, безгек) көбүнчө ысытмага – кезик, сүзөккө айланат. Сүзөк – кыргыздарды (казактарды) бүтүндөй айылдар менен жок кылган талаадагы эң коркунучтуу оору болгон. Жергиликтүү дарыгерлер – табыптар безгекти сандын кайнатмасы (талаада өскөн саргыч чөп) менен дарылашат, эт жегенге тыюу салып, уй сүтүнүн сары суусун беришет. Кыргыздар жана ага коңшу жашаган Орто Азия элдери безгек оорусун дарылоодо талдын кабыгын жана буурчак кабыгын, ошондой эле анардын кабыгын жана алтын гүлдү (золототысячник) колдонушат [4:91].
Кыргыз көчмөндөрүнүн ичинде кеңири тараган оорулардын бири котон жара (сифилис) болгон. Бирок, бул ооруга өзгөчө чара көрүүгө көчмөндөр жашаган аймактын кеңдигинен жана алардын улам жер которуп жүрүшүнөн мүмкүн эмес деп жыл сайын отчеттук билдирүүлөрдө айтылган. 1890-жылга карай облус боюнча, 907 оорулуу кайрылса, анын 647си Токмок уездинде, 15и Ысык-көл уездинде катталган [9:91]. Статискалык маалыматтарда бул сан чындыгында котон жара менен ооругандардын аз гана бөлүгү болгондугун, себеби, бул оору көчмөндөрдүн ичинде эң кеңири тарагандыктан, кыргыздар эле эмес, ал тургай орустардын карапайым калкы да медициналык жардамга сейрек кайрылышканын жана көп учурда кеч, оор абалда калганда гана кайрылышкандыгы айтылат. Кыргыздар медициналык жардам ала турган бирден-бир жер – бул уездик кабыл алуу бөлмөсү болгон. Ар бир кабыл алуу бөлмөсүнө 80 000ден 100 000ге чейинки көчмөндөр туура келген, алар алыскы аралыктарда чачырап жашагандыктан, ага өзгөчө учурларда гана кайрылышкан, анын үстүнө дарылоо амбулатордук түрдө гана жүргүзүлгөн. Бул оорунун жайылышынын себеби – жыл сайын шаарларда көбөйүп жаткан жашыруун сойкулук да болгон [9:91-95]. ХХ кылымдын башында көчмөн болуштуктарда венерикалык оорулардын ичинен котон жара кеңири кулачын жайып, алардын бетинде үчүнчү даражадагы котон жаранын ачык белгилери бар адамдар көп кездешкендиги айтылат[12:99].
Кыргыздар котон жараны түтөтүү, сүртүү ж.б.у.с. сымаптуу каражаттар менен дарылашкан. Ошондой эле, котон жараны жана башка ар кандай катуу ооруларды – ачкачылык жана суу менен дарылоо абдан көп кездешкен. 14 күндөн 60 күнгө чейин суудан башка эч нерсе берилбестен, ага бир аз сүт кошулган. Кээ бир оорулуулар күнүнө бир чакага чейин ичишкен. Орус дарыгерлеринин пикиринде, мындай орой түрүндөгү дарылоо көбүнчө пайданын ордуна зыян алып келген. Тескерисинче, аларды илимий медициналык ыкмасы менен сымап, йодистүү калий ж.б. аркылуу дарылоо амбулатордук түрдө дарыланууга карабастан, оору тез өтүп кеткен.
1880-жж. Н. Д. Зеланддын пикиринде, котон жара 30-40 жыл мурун эки жол менен тараган. Бул оорунун булактарынын бири Тобольск губерниясынан келип, кыргыз-казактардын арасына отурукташып калган татарлар, экинчи булагы, ошол учурда да токтобостон, кыдырып соода кылышкан орус жана сарт тектүү соодагерлер болгон. Медициналык кызматкерлердин жана медициналык мекемелердин жетишсиздигинен бул ооруга каршы күрөш ийгиликтүү болгон эмес. Ошол учурда 20дан 1 адамга (анын ичинде балдар да бар) жуккан деп эсептөөгө болгон. Зеланддын айтуусунда, котон жара оорусун түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча убактылуу медициналык отрядды уюштуруу жана түзүү долбоорун сунуштаган. Тилекке каршы, кийин мындай медициналык отряд түзүлгөн эмес, 1896-жылы уездик шаарлардагы кабыл алуу бөлмөлөрүндө шаардык каражаттардын эсебинен котон жара оорусунун бөлүмүнүн ачылышы менен гана чектелишкен. Бул ооруну тамыры менен үзүүгө мындан башка эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес жана ошол кездеги медициналык тейлөөнүн чама-чаркы да жеткен эмес. Кийинки жылдары да, жергиликтүү калк арасында котон жара оорусу алдыңкы орундарда кала берген.
Кыргыздарда сөөктөрдүн какшап оорусу, ревматизм менен көп оорушкан, бирок, жүрөк оорулуулар аз болгон. Нерв оорулары, шал оорусу, жан-дүйнөнүн оорулары, меланхолия, жиндилик ж.б. сейрек кездешкен. Сезүү органдарынын ооруларынын ичинен көбүнчө, көз оорусу конъюнктивит кездешип, ал түтүндүн айынан пайда болгон. Аны карагаттын коюу ширеси менен жаап дарылашкан. Көздү чел каптоо (катарак) кездешкен, бирок, сокур, дүлөй, дудуктар сейрек болгон. Кыргыздарда тери оорулары, өнөкөт исиркектер көп жолуккан. Алдыңкы орундарда негизинен жугуштуу котур жана таз оорулары болгон. Андан кийин теринин котон жаралары (сифилис), чакалай (лишай) жана безеткинин (себорея) ар түрлөрү кезиккен. Орус дарыгерлеринин айтымында, кыргыздар арасында тери ооруларынын таралышына негизинен сейрек жуунгандан жана териге эч кандай кам көрүүнүн жоктугу роль ойногон. Себеби, көчмөнчүлүк жашоо образынын татаалдыгынан улам ыңгайсыздыктар жаралса керек. Бирок, кыргыздарда мончо же жуунучу жайлар болбогондуктан, боз үйдүн ичине улуу от жагып, суу ысытып, жуунуп турушкан. Котурдан ж.б. тери ооруларынан туздуу көлдөргө түшүшкөн[4:23-24]. Сырткы оорулардын ичинен сыныктар, чыгып кетүүлөр, чоюлуулар көп кездешкен, баштыкчан шишиктер да жолуккан.
Булак оорусу (золотуха – кулактан ириң аккан оору) салыштырмалуу аз кездешкен, бирок, Зеланддын айтымында, балдардын көпчүлүгүндө тукум куучулук котон жарадан пайда болгон. Бирок, булар эки башка оору болуп, өлүмдөр болбостон, оорудан кийин дүлөйлүк кала берген. Кургак учук (чахотка) өтө сейрек болгон. Орус дарыгерлери Токмок уездинде 7 жылдын ичинде бирөөн гана кезиктиришкен. Рак оорусу кыргыздар арасында өтө аз болгон. Орус дарыгерлеринин байкашынча, ошол кездеги европалык элдерге караганда 20 эсе аз кезигип, Токмок жана Ысыккөл уездеринде 5,5 жылда орточо 1,895 учур катталган. Цинга (тиш түшүп, анын бүлөсү ооруган) оорусу менен кыргыздар көбүнчө үзүмчүлүк кезде, жазга маал, витамин жетишпегенден оорушкан. Аны курут, кымыз ичип, дарыланышкан. Жарааттарды (канды токтотуш үчүн) күйгүзүлгөн кийиз же тартылган тамекини басат, ысытылган май менен куят же күкүрт менен өрттөгөн. Туюк жараларды жана ар кандай шишиктерди сөөк менен жарып, тазалаган[7:57-65]. Кыргыздарда «май ичме» (пляски святого витта, хорея) деп атаган оорунун белгилери негизинен беттин жана колу-буттун булчуңдары калчылдап, туура эмес кыймылдарды жасашы болгон. Ага ач карын уйдун, жылкынын майын же сары майдан жегизип дарылашкан. Кулгуна – сөөктүн ириңдеп оорусу кыргыздарда көп кездешкен, ошондуктан, орус дарыгерлери муну котон жара деп да жаңылыш айтышкан. Шыралжындын кайнатмасын жана сымапты ичирип, айыктырышкан. Суукка урунгандагы ысык ооруларда ж.б. тердегенге мажбурлаган. Ал үчүн казанды ысытып, колдорун туздуу сууга салып, алакандарын кезектешип казанга, анан жылаңач дененин ар кайсы жерлерине коюшкан, андан кийин үстүнө тон менен жапкандын натыйжасында тердеген. Жугуштуу ысытма жана чечек менен ооругандарды өзүнчө боз үйгө бөлүшүп, алардын айланасын абдан таза кармашкан. Мисалы, кийиз кийизге түкүртүп, ал дароо отко ыргытылган, тамак-аш катары суу менен суюлтулган сүттү беришкен.
Орус дарыгерлеринин маалыматтарында кыргыздардын арасында төрөт учурунда энелердин жана ымыркайлардын өлүмү жогору болгондугу айтылат, бирок, уездерде анын статистикалык көрсөткүчү жүргүзүлгөн эмес. Мисалы, 1882-жылы Жетисуу облусу боюнча, христиандардын арасында төрөлгөндөрдүн саны (3,604) өлгөндөрдүн санынан (1,967) 1,537ге көп болуп, анын натыйжасында христиандык калктын табигый өсүшү 2,5% болгон. Мусулмандар үчүн төрт уезд боюнча калктын өсүшү 5,268 же 1,15%ды гана түзгөн. Калктын кыймылында көрсөтүлгөн сандар христиандарга карата гана туура деп эсептелген, анткени, көчмөн мусулман калкынын арасында туулгандыгын каттоонун жана аларды жүргүзүүчү органдардын жоктугунан, болуштук башкаруучулар тарабынан жеткирилген көчмөндөрдүн төрөлүшү жана өлүмүнүн саны, ошондой эле, никелердин саны жөнүндөгү маалыматтар өтө күмөндүү жана так эмес болгон [8:31]. Н. Д. Зеланддын маалыматында, 1883-жылы 59 кыргыз үй-бүлөнүн балдарынан 164 тирүү (чоңдору да кошулганда), 94 бала б.а. 37 % чарчап калган. Ар бир үй-бүлөгө тирүү калган балдардын орточо саны 2,7, ал эми бардыгы 4,21 туура келген[7:59]. Ал эми массалык эпидемиялар чечек, кызамык ж.б. оорулардын учурунда балдардын өлүмү эбегейсиз деңгээлде өскөн. Ошондой эле, жай турмуш мезгилинде да ашказан-ичеги ооруларынан (ич өткөк, суук тийүү, ичи катып калуу, тамак сиңирүү ж.б.), итий (рахит) ж.б. ооруларынын айынан көчмөндөр жылыга көптөгөн балдарынан айрылышкан.
Кыргыздарда 80-85 жаштан узак жашагандар сейрек кездешкен. 1882-жылы Пишпек (Токмок) уездинде жашаган 82 миң кара-кыргыз калкында 86 жаштагы эки, 92 жаштагы бир карыя гана болгон. Жогоруда айтылгандай, көчмөндөрдө балдардын төрөлүүсү, адамдардын өлүм-житимдери туурасындагы статистикалык көрсөткүчтөрдүн жоктугунан улам, калктын табигый өсүү же кемүү себептери да белгисиз. Мисалы, 1882-жылы Токмок уездиндеги кыргыздар – 82 430, Ысыккөл уездинде – 67 514 [8:Вед.№А] болсо, 1892-жылы Токмок уездиндеги кыргыздар – 84 664, Ысыккөл уездинде – 65 377[5:1620] болгон. Он жыл аралыгында дээрлик таптакыр калктын саны өзгөрбөгөн. Ал эми 5 жылдан соң, 1897-жылы Россия империясындагы алгачкы эл каттоодо, Пишпек
(Токмок) уездиндеги кыргыздардын саны – 151 507, Ысыккөл уездинде – 128 307[18:52] чыгып, б.а. калктын саны 2 эсеге жакын көбөйгөн.
Уезддер | Кыргыз болуштуктарынын саны | ||||||
1870 | 1885 | 1889 | 1894 | 1897 | |||
Пишпек уезди | 21 | 15 | 15 | 20 | 33 | ||
Пржевалск уезди | 7 | 13 | 13 | 18 | 27 | ||
Түтүндөрдүн саны | |||||||
1894-ж. | 1897-ж. | ||||||
Пишпек уезди | 24 698 | 29636 | |||||
Пржевальск уезди | 19 286 | 27 615 | |||||
Жыл сайын уезддик башчылардын үй-бүлөлүк тизмелерге жана болуштук башкаруучулардын отчетторуна таянып берген маалыматына караганда, жергиликтүү калк 1897-жылдагы жалпы элдик каттоодогу Борбордук Статистика комитети тарабынан жарыялангандан кыйла аз көрсөтүлөт. Уезддик башчылардын маалыматы боюнча, жалпы кыргыздардын саны 1897-жылы Пишпек уездинде – 135 492 жана Пржевальск уездинде – 110 967 болгон. Сандардын ортосундагы мындай дал келбестик аймактын калкынын көпчүлүгүн түзгөн кыргыздарды эсептөө үч жылда бир жолу жүргүзүлүп, ошол эле учурда салык салынуучу бирдик катары түтүндөрдү (үй-бүлөлөрдү) эсептөөгө өзгөчө көңүл бурулган. Жергиликтүү тургундар калктын санын эсептөөгө маани беришпестен, үй-бүлөлүк тизмелерди түзүүдө көбүнчө балдарды, өзгөчө аялдарды кошпой, жашырып коюшкан. 1898-жылы Талаа генерал-губернаторунун буйругу менен болуштук башкаруучуларга жана айыл старшиналарга көчмөн калктын кыймылын метрикалык китептерге каттоо милдетти жүктөлгөн. Ал эми шаарлардагы мусулман калкын каттоо милдети полицияга тагылган. Орус калкынын кыймылы тиешелүү тактык менен жазылган, ал эми жергиликтүү калктын метрикалык жазмалары да көпчүлүк учурда өтө канааттандырарлык эмес жана аларга негизделген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп көрсөтүлөт. Бирок, облустагы статистиканын абалын эске алуу менен жергиликтүү калктын табигый өсүшү боюнча так маалыматтарды алуу мүмкүн эместигине карабастан, административдик жана полиция тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, жергиликтүү калктын кыймылынын орточо көрсөткүчү Жетисуу боюнча 1,5 пайыз деңгээлинде аныкталган. Жыл сайын калктын өсүүсү бул орточо көрсөткүчтүн тигил же бул тарабында болуп, мисалы, 1904-жылы ал 1,2 процентти түзгөн. Ал эми орус калкынын калктын табигый өсүүсү башка жылдаргыдай, 3,2 пайызды түзгөн [11:7].
Уезддер | Кыргыздардын табигый өсүүсү пайыз менен | ||
1906 | 1907 | 1913 | |
Пишпек уезди | 1,6 | 1,7 | 1,3 |
Пржевальск уезди | 1,1 | 1,2 | 1,3 |
Эгер метрикалык китебиндеги жазуулар жергиликтүү администрация тарабынан туура жазылганда, анда көчмөн калкынын жылына көбөйүшү мурдагы жылдардагыдан кем гана эмес, иш жүзүндө көп болушу мүмкүн болгон. 1913-жылы кыргыздардын арасында төрөлүү 1000 адамга Пржевальск уездинде – 30,81 (4491 бала); Пишпек уездинде – 30,85 (5502 бала) болсо, өлүмдүн деңгээли – 18,15тен (2645 адам) 18,82га (3356 адам) чейин абдан жогору көрсөткүчтө болгон. Ал эми орус келгиндеринде төрөлүү эң жогорку көрсөткүчтө 1000 адамга Пишпек уездинде (шаары менен чогуу) – 59,64 (3536 бала); каза тапкандар да жогору – 37,89 (2247 адам). Пржевальск уездинде (шаары менен чогуу) төрөлүү – 55,28 (2019 бала); өлгөндөр – 42,05ди (1536 адамды) түзгөн[16:37-39].
Мынчалык өлүм көрсөткүчүнүн кыргыздарда да, орустарда да жогору болушу ошол кездеги медициналык тейлөөнүн төмөндүгүнө жана турмуш-тиричилик шарттарына жараша болгон. Эгер саламаттыкты сактоо жаатында кыйла ийгиликтерге жетишкен бүгүнкү күндө Кыргызстандагы калктын кыймылынын статистикалык маалыматтарына салыштырсак, 2020-жылы 1000 адамга 24-26 чейин бала төрөлүп, өлүмдүн деңгээли 7-9 адамга туура келет[21].
Мал ылаңдарынын ичинен эң негизгиси жыл сайын жайында күчөгөн ири мүйүздүү малдын тумоосунан (чума) жабыр тартышкан. Сибир жарасы жана малдын маңка оорусу (сап) азыраак болгон. Иттерде кутурма сейрек гана болгон. Мындан тышкары, аймакта кез-кези менен төмөндөгүдөй эпизоотиялык жугуштуу оорулар чыгып турган: шарп (ящур), сакоо (мыт), жылкылардын инфлюэнц (жөтөл) оорусу, малдын темгилдүү ысытма оорусу (пятнистая горячка), бодо малдын залалдуу катараль оорусу, бодо малдагы актиномикоз, малдын котуру, кой чечек ж.б.
Кыргыздар кылымдар бою топтогон тажрыйба аркылуу малды дарылоонун кээ бир ыкмаларын ойлоп табышкан. Алар күйдүргү (сибирь жарасы) оорусуна керосинге эритилген көмүр менен туз аралашмасынан турган дары колдонушкан. Сибирь жарасынан жабыркаган малдын бул дарыны ооруган жерине сыйпап, шарп менен ооруган малдын оозун жууп салышкан. Жара пайда болгон жерди кызарган темир менен күйгүзүшкөн. Кыргыздар малдын чума эпидемиясына (чума рогатого скота) каршы алсыз болгон. Мындай учурларда алар оорулуу жерди таштап, башка аймакка көчүп кетишип, ошону менен эпизоотиянын жайылышына шарт түзүшкөн. Малдын бутундагы шишикти адамдын заарасы менен дарылап, ириңди чыгаруу үчүн жараларга камыр сүйкөшкөн. Жылан чаккан учурда уусу сорулуп алынган. Котур малга күл же майда тамекинин күкүмү чачылган. Жылкылардын муздак жөтөлүн апийим же күкүрт менен дарылап, жоолук менен ороп, ооздукка байлашкан. Кыргыздар өтө чебердик менен ар кандай чыгып кетүүлөрдү оңдоп, бут сөөктөрүнүн сынганда жана муундардын чыгып кетишин өз алдынча түздөп алышкан[1:428-429]. Эпизоотиядан малдын көп кырылышы кыргыздарда өтө көп болгон. Илимий ветеринария кыргыздардын турмушуна орус келгиндеринин келиши менен кире баштаган. Алар жез (көк таш) жана темир кепереси (куперес), аммиак (ашатыр), йод, ихтиол (кара май), күкүрт (сера) ж.б. сыяктуу дарыларды алып келишкен. Ич өткөккө каршы айрыкча жайында, суюлтулган аммиак менен, курттарга каршы темир кеперес менен дарылашкан. Бардык жарааттар йод менен шыбалган. Малдын өйкөлгөн белдериндеги (жоорду) жараларды ихтиол майы менен сыйпап коюшкан.
Ветеринардык дарылоо иши акырындык менен өнүгүп, 1902-жылы Верныйда биринчи ветеринардык амбулатория ачылган. 1909-жылы облустун бардык шаарларында мал дарылоо амбулаториялары болсо, Пишпек менен Верныйда экиден болгон [14:73].
Жетисуу облусу жалпысынан 38 ветеринардык-дарыгердик аймакка бөлүнгөн. 1910-жылдан баштап, земствонун каражаты менен камсыздалган алты уезддик амбулаториянын ордуна 38 аймактык амбулаториялар иштей баштаган. Пишпек уездинде Беловодск, Чоң Токмокто ж.б., Пржевальск уездиндеги Покровка, Преображенское, Сазановка ж.б. айылдарында ылаңдаган малды дарылаган ветеринардык фельдшерлер иштеген. Бул айылдарда стационардык дарылоо пункттары болгон. Ветеринарлар практикалык жардам көрсөтүү менен бирге тигил же бул ооруну алдын алган дарыдармектерди да беришкен. Мал ылаңдан жапырт өлүмгө учураган учурда кыргыздарга жардамга аскердик ветеринардык дарыгерлер да келишкен. Орус администрациясынын пикири боюнча, кыргыздардын малдын чыныгы санын өжөрлүк менен жашырышы бир жагынан, кыргыздардын чумага каршы иш-чараларга кайдыгер мамилесинен, экинчи жагынан, боз үй ээлеринин ортосундагы байлык боюнча, б.а. малдын санына жараша салыктарды бөлүштүрүүдөн улам келип чыккан. Мындай абал, аймактагы малдын эпидемиялык-жугуштуу ооруларынын кеңири таралышынын себептеринин бири болуп калган. Ушундайча, колониялык бийлик тарабынан ветеринардык дарылоо ишине өзгөчө көңүл бурулушу, чындыгында, экономикалык кызыкчылыктардан улам болсо керек. Себеби, аймакта негизинен мал чарбасы үстөмдүк кылып, жергиликтүү элден жыл сайын көптөгөн мал азыктары жана чийки заттары алынып, облустан тышкары Россиянын шаарларына, Ташкентке ж.б. жактарга жөнөтүлүп турган.
1911-жылы Жетисуу облусундагы ветеринардык көзөмөлдүн маалыматы боюнча, чек арадагы малдын жана мал азык-түлүктөрүнүн өтүшү жана аларды жарманкелерде жана базарларда сатуунун көлөмү төмөнкүдөй сандар менен көрсөтүлөт [15:90]:
Мал жана мал азык-түлүктөрү | Кытайдан алып келинген | Облустан чыгарылып кеткен | Облустун ичинде сатылган |
Тирүү малдар
Жылкы Бодо мал Кой-эчкилер Мал азыктары: Эт жана май Ичегилер Жүн Жалдар жана чачтар Иштетилбеген терилер |
1 964
11 663 379 896 151 пуд 1 044 184 434 1 241/20 776 511 |
10 958 21 738
847 445 368/3 пуд 1 580/11 287 509/26 6 085/12 2 093 130 |
28 876 65 249
592 314 217/3 пуд 536/11 103 075/32 4 843/32 1 316 619 |
Ошентип, кыргыздарда мурда жергиликтүү табыптар жана молдолор элдик дарыгерлердин милдетин аткарып келген болсо, эми бул жакта европалык типтеги илимий медициналык мекемелердин ачылышы өзү эле белгилүү жетишкендиктерден болгон. Бирок, дагы бир жолу кайталап айта кетсек, медицина тармагындагы бул жетишкендиктин баары эң алгачкы башталышы гана болгонун жана негизинен орус-славян калкына гана медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн эсептелгенин, ал эми жергиликтүү калкка анчалык көңүл бурулбаганын ачык айтышыбыз керек. Орус өкмөтү аймакта колониялык саясатын жүргүзүү үчүн өзүнүн таянычы болгон аскерлерин жана келгин орус калкын медициналык, билим берүүчүлүк, чарбачылык ж.б. ар тараптан камкордук кылууга умтулганын баса белгилейбиз, бирок, ошол эле учурда Кыргызстанда медицинанын, билим берүүчүлүктүн, чарбачылыктын жаңы түрлөрүнүн өнүгүүсүндөгү алгачкы кадамдар болгон деп да белгилешибиз керек.
Колдонулган адабияттар:
- Айтбаев М.Т. Историко-этнографический очерк о кыргызах (на материалах севера Кыргызстана). – Бишкек: Алтын Принт, 2022.
- Айтмамбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине XIX в. и начале XX в. – Фрунзе: Илим, 1967.
- Айдаралиев А. А. Основные этапы развития здравоохранения Киргизии. Фрунзе: Киргизское государственное издательство, 1958.
- Алекторов. А. Е. Материалы для изучения страны, истории и быта киргизов, вып II. Оренбург, 1892.
- Волости и населенные места 1893 года / изд. Центр. стат. ком. М-ва внутр. дел. – СПб., 1893-1896. Вып. 7 : Семиреченская область. – 1895. – [2], 43 с., 17 л. табл., 1 л. к. – (Статистика Российской империи ; Вып. 27).
- Вышпольский В. Медико-топографические очерки Иссык-Кульского уезда (Пржевальского) Семиреченской области с описанием преобладающих болезней, в зависимости от почвы, климата и бытовых условий, среди населения уезда (за время с 1870–1890 гг. в гражданском населении и с 1884–1894 гг. в военном). Военно-медицинский журнал. СПб., 1895, № 9–12, кн. X.
- Зеланд Н.Д. Киргизы: этнологический очерк. СПб.: 1885.
- Обзор Семиреченской области за 1882 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1883.
- Обзор Семиреченской области за 1890 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1891.
- Обзор Семиреченской области за 1897 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1898.
- Обзор Семиреченской области за 1904 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1905.
- Обзор Семиреченской области за 1906 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1907.
- Обзор Семиреченской области за 1907 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1908.
- Обзор Семиреченской области за 1909 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1910.
- Обзор Семиреченской области за 1911 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1912.
- Обзор Семиреченской области за 1913 год (Приложение к всеподданнейшему отчету). Верный: Семиреч. обл. правления; 1915.
- Поярков Ф.В. Кара-киргизские легенды, сказки и верования//Памятная книжка и адрес-календарь Семиреченской области на 1900 г.– Верный,1900.
- Первая Всеобщая перепись населения Российской империи, 1897 г. Т. LXXXV. Семиреченская область. СПб, 1905.
- Тентигул кызы Н. Кыргыздардын салттуу дарыгерчилиги (ХIХ кылымдын аягы – ХХ кылымдын башы). Б.:Улуу Тоолор, 2018.
- ЦГА РК, Ф. 44, оп.1, д. 35354, л. 18-19, 27 http://stat.kg/ru/news/vsemirnyj-den-narodonaseleniyacifry-i-fakty. 09.02.2023