Томдук

Кыргыздар 1-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев

 

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

                                                                1-ТОМ

                                                     Тарыхый булактар

Кырк томдук бул антологиянын 1-томунда кыргыздардын жана Кыргызстандын эң байыркы жана орто кылымдардагы, ошондой эле соңку мезгилдердеги тарыхын чагылдырган жазма булактардын түп нускасынын котормолору киргизилди.

Томдукта мазмуну боюнча байыркы Кытай жылнаамаларындагы кабарлар менен бирге орто кылымдардагы араб-перс жана башка булактардагы баалуу маалыматтар камтылды. Ошону менен бирге, XIX кылымдын орто ченинен тартып, ХХ кылымдын аягына чейинки мезгилдерде изилдөөчүлөр тарабынан айкындалып жарыяланып келген эмгектеринен дагы алынды.

                            БАШ СӨЗ

Байыртадан кыргыз эли өзүнүн карт тарыхында түрк дүйнөсүнүн көчмөн цивилизациясынын туу башында туруп, бай маданиятты түптөп, көптөгөн руханий эстеликтерди жараткан. Анын башатында дүйнөдө көлөмү жагынан да, көркөмдүгү жагынан да теңдешсиз «Манас» эпосу турат. Ар бир кыргыз жараны аны менен чексиз сыймыктанат. Улуу дастанда улуттук бардык асыл нарктарыбыз, дөөлөттөрүбүз, баалуулуктарыбыз, анын ичинде, эл-жерибизди чексиз сүйүү, ага кызмат кылуу, адам ариетин бекем тутуу, ата жолун улантуу салты кеңири чагылдырылган. Руханий мурастардын аркасы менен улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, ата-энени ардактоо, жакшыга жанашып, жамандан алыс болуу, ак-караны ылгай билүү, ак бата алып, агарыпкөгөрүү сыяктуу нарк-насилибиз, карыялык каадалар, мырзалык сапаттар, аялзатынын аруулугу менен адеби бизге – бүгүнкү урпактарга жетип отурат.

Мына ошондой улуу элибиздин узак мезгил басып өткөн бай жана көп кырдуу тарыхына арналган бул 40 томдук антология жалпы кыргызстандыктардын назарына сунушталды.

Бул топтомдо кыргыз элинин тарых-таржымалы тууралуу кеңири маалыматтар камтылган. Ар бир том менен биз кыргыз элинин улут катары калыптануу жолундагы кылымдарды карыткан тарыхы, нарк-насили жана руханий баалуулуктары, бай маданий мурасы менен таанышып, Ата Мекенге берилүү менен кызмат кылуу аркылуу өнүгүүгө болгон умтулуусун аңдап-биле алабыз.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү, айрыкча, өнүккөн өлкөлөрдүн баары өзөгүн изилдеп, руханий баалуулуктарын иликтей баштагандыгын баамдоого болот. Себеби

 

нарк-насил, каада-салт кийинки муундун акылына-акыл, эсине – эс, сөзүнө – сөз кошуп, көзүнө – көз болору барган сайын айкын болуп барат. Дүйнө элдеринин мындай аракеттеринин катарында биздин коомчулукта дагы өзүнө эреже-тартип катары кабыл алып жашап келген ата-бабаларыбыздын нарк-насилин жайылтуу, бойго сиңирүүгө болгон умтулуусу, каалоосу күч алды. Ошентип, эл-журтубуз наркка суусап турганда, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2022-жылы «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыкка кол койдум, ага удаа «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасы” жарыяланды. Бул документтер дагы элдин мүдөөсүн орундатуу үчүн мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук наркты улоо, кийинки муунга жеткирүү максатын көздөйт.

Ааламдашуу доорунда өз тилибизди, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү сактап калуу – атуулдук да, улуттук да парзыбыз деп келебиз. Нарктуулугубуздун башатында эмне турат деген соболдо, эң ириде, анын башаты эне тилибизге барып такалары талашсыз. Анткени, улутту улут кылып турган алгач эле тили, дили, анан барып каада-салты, үрп-адаты, нарк-насили. Ошондуктан эне тилибизди көзүбүздүн карегиндей сактап, ар бир жаңы төрөлгөн уул-кызыбыздын тили эне тилинде чыгып, улуу дөөлөттөрдү эне тилинде жаратып, улутубуздун түндүгүн көтөргөн намыстуу, нарктуу атуулдардан болуусуна кам көрүшүбүз абзел.

Мына колубузда турган адабий-тарыхый жана этнопедагогикалык-этнографиялык баалуулуктарыбызды камтыган 40 томдук дал ушу жогоруда сөз кылган кыргыз наркы менен кыргыз тилин сактоо, коргоо, кийинки муундарыбызга таза бойдон өткөрүп берүү озуйпасына түздөн-түз кызмат кылмакчы.

Биз учурда кылым бүктөмдөрүндө калган карт тарыхыбызды тактап, дааналап, элибизге тартуулоо аракетиндебиз. Ошондуктан, антологиянын дээрлик жарымы биздин көөнө тарыхыбызга арналган. Улам иликтенипизилденип, улам ачыкталган тарыхый маалыматтарга таянсак, кыргыз деген аттын жазылып калганына үч миң жылдан ашуун мезгилге барып такалууда. Мындай жоопкерчиликтүү ишке биздин мыкты илимпоздорубуз, тарыхчыларбыз тартылган. Жаңы табылгаларды баары кыргыз элинин талаа-түздө, тоо-ташта көчүп-конуп келген көчмөн элдин бири эмес, мамлекеттүүлүк түзгөн, алтын доорлорду жараткан, жазуу маданияты болгон байыркы улуу элдердин бири экендигин акырындап тастыктап барат.

Тарых барактарында эгемендүүлүгүбүз үчүн атабабаларыбыз канын төгүп, жанын берип, өз өмүрлөрүн арнагандыгы баарыбызга маалым. Башканы коёлу, өткөн совет доорунун башатындагы эң эле капсалаңдуу мезгилде Кыргыз мамлекеттүүлүгүбүздү түзүүгө жетишкен кеменгер аталарыбыздын, көсөм агаларыбыздын аткарып үлгүргөн асыл иштеринин, жазып кеткен баалуу эмгектеринин, жасап кеткен эрдиктеринин деми азыр да сууй элек.

Келерки жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Автономиялык облустун РСФСР курамында уюшулганына карабастан, кыргыз интеллигенциясы мамлекет түптөөгө белсенген. Ал убакта кыргыз эли үчүн автономиялык биримдиктин уюшулушу өтө зор мааниге ээ эле. Анткени, автономиялык облус алкагында кыргыз эли укуктук жана саясий жактан өз алдынча мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Ошол кез кыргыз элинин эркин, мүнөзүн, келечекке болгон ишенимин көрсөткөн мезгил экен. Өз маалында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин 1924-жылкы жасаган аракетинин акыбети 1991-жылы кайтып, көз карандысыз Кыргыз Республикасы түзүлгөн.

Бул тарыхый окуя өз убагында биз сыяктуу чакан эл үчүн эң чоң жетишкендик болгон. Ошондуктан, бул 100 жылдык маараке глобалдашуу мезгилинде биз сыймыктанар ири ийгилигибиз болору талашсыз. Колубуздагы кырк томдук антология улуттук-мамлекеттик улуу мааракебизге баалуу белек болмокчу.

Бул антологиянын жыйырма томун мааниси терең, мазмуну кенен улуттук адабиятыбыз түзсө, дагы жыйырма томун тарыхыбыз, этнографиябыз менен этнопедагогикабыз түзөт. Адабият бөлүгү «Улуу сөз» деп аталган элдик оозеки чыгармачылыктан башталып, учурдагы адабияттын жаңы үлгүлөрүнө чейин камтып турат. Бүгүнкү күндө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ал үчүн кызыктуу китеп менен камсыз кылуу аба-суудай зарыл болуп турган кезде «Манас» дастанынын, кенже эпосторубуздун, уламыш-жомокторубуздун, акындар поэзиясы менен профессионал адабиятыбыздын, улуттук балдар адабиятынын эң мыкты үлгүлөрүн камтыган бул баалуу топтом мектеп китепканаларында окумдуу китептердин бирине айланары шексиз.

40 томдук бул эмгек муундар ортосуна өзгөчө көпүрө болуп, ар бир кыргыз жаранына бабаларынын басып өткөн тарыхын гана эстетпестен, жаркын келечек курууга багыт болуп берет деп ишенем.

Ата-бабаларыбыз сапарга чыгарда, «жакшы ниетти жолдош кыл» деп бата-тилек айтышчу экен. Анын сыңары, илгери үмүт менен жарык көрүп жаткан «Кыргыздар» аттуу тарыхый 40 томдук антологиябыздын сапары байсалдуу болсун. Ак жол тилейм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        С.Н.ЖАПАРОВ

                                        СӨЗ АЛДЫ

Уюткулуу кыргыз элинин тарыхы менен маданияты өтө бай жана байыркы экендигин Ата Журттун гана окумуштуулары эмес, дүйнөлүк алкактагы белгилүү илимпоздор басма, илимий эмгектеринде тастыкташты. Кыргыз журту – дүйнөдөгү эң байыркы элдердин бири болгонун илим талашсыз далилдеди. Кыргыз элинин рухий дүйнөсүнүн туу чокусу – улуу «Манас» эпосу баштаган бай оозеки чыгармаларыбыз, тилибиз, тарыхыбыз, салтыбыз нечен замандын татаал жолун басып, XXI кылымга жетип отурат. Азыркы замандын инсандары өткөн бабаларыбыздын калтырган акыл дүйнөсүнө, рухий казынасына жана асыл эмгектерине ыраазы гана болушубуз абзел. Бабалардын бизге аманат жеткирген рухий кутун, асыл наркын бапестеп кам көрүп, муундан муунга өткөрүп берүү милдетибиз. Азыркы дүйнөлөшүү (глобалдашуу) жана технологиялык чапчаң заманда рухий маданиятты саясат жана экономика менен шайкеш кармап, улуттун келечектеги тагдырын сактоого салым кошуу – баарыбыздын мойнубуздагы улуттук парыз. XXI кылымда биздин элибиздин байыркы тарыхы менен маданияты дагы да тереңдеп изилдөөгө, жаңыча көз караштарды өзүнө сиңирүүгө муктаж.

Кийинки жылдары, жыйырма жыл аралыгында, кыргыз атуулдарынын өз элинин өткөндөгү тарыхына жана маданиятына кызыгуусу арбыганы айдан ачык. Элдин мындай дит коюусуна, мүдөөсүнө эгемендүүлүк жылдарында басма сөздө жарыяланган макалалар, жаштардын рухун тарбиялаган жаңы китептер, урунттуу изилдөөлөр, илимий популярдуу эмгектер түрткү болгону жашырын эмес.

Чындыгында, абай салып карасак, жыйырма жылдан бери мекенибиздин тарыхчылары, изилдөөчүлөрү жана тарыхка, маданиятка, илим-билимге кызыккан мекенчил инсандар элге, жаштарга пайдалуу, кызыктуу китептерди басмадан чыгарып жатышат. Бул элибиздин маданиятын, рухун жана духун көтөрүүгө жакшы жөрөлгө. Муну техникалык цивилизация, интеграция доорунда улуттун маданиятынын ажарын, кутун таза сактап калууга жана бийик көтөрүүгө жасалган атуулдук аракет деп түшүнөбүз.

Биз эл-журтубузду кыдырганда эл ичинен саясатка, экономикага көбүрөөк көңүл бурулуп, ал эми маданиятка, билим-илимге мамиле анчейин болуп жатат дегендей, айрым сөздөр угулуп калууда. Балким, азыркы тапта республикабызда маданият, билим, илимдин жабыркаганы ойдогудай эместир. А бирок ошондой кейиген кеп айтылса да, жалпы калайык-калкыбыз келечегиндеги түйшүктөрдү жабыла чечүүгө, маданиятыбызды жакшыртууга өздөрүнүн кыйла аракеттери, ниет тилектери бардыгы сезилип турат.

Жакындан бери республикабыздын социалдык абалын жакшыртуу үчүн жигердүү аракеттер көрүлө баштаган соң, жаңы Өкмөт жана парламент маданият, илим тармагын жакшыртууну, кыйынчылыктан чыгууга бардык колдон келген иштерди жасоону ойлонуп, кам көрүүдө. «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы – мунун далили. Учурда республикада билим берүү тармагындагы мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин айлык акысын кыйлага көбөйтүү, орто, жогорку окуу жайларынын программаларын жакшыртуу, айыл маданиятын көтөрүү, элеттик клубдарды, китепканаларды калыбына келтирүү, чыгармачылык союздардын ишине көмөк көрсөтүү, көркөм жана илимий китептерди чыгаруу, басма ачуу сыяктуу кыйла маселелер колго алынууда. Буюрса, социалдык-экономикалык абалыбыз оңолсо, жакынкы жылдарда илим, билим жана маданият тармагы жаңы өзгөрүүлөргө, интеллектуалдуу, эстетикалык өсүүлөргө жетишери шексиз.

Убакыттын тартышына кайыл болуп басмадан жарык көрүп жаткан «Кыргыздар» деген жыйырма томдук жыйнакта улутубуздун байыртан берки тарыхына, салтына, маданиятына, рухий мурасына, улуу инсандардын өмүрүнө байланышкан изилдөөлөрдү, илимий-популярдуу очерктерди жазышкан Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн илимпоздорунун, маданият өкүлдөрүнүн эмгектери топтолгон. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн мезгилинде гана басмадан жарык көргөн пайдалуу эмгектер экенин эске алып, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык мааракесине карата окурмандарга татыктуу белек болору талашсыз.

Айрыкча китепке таңсык болуп турган жаштарыбызга, алар өткөндөгү бабалардын дүйнөсүн, рухий маданиятын, мурасын түшүнсүн, бапестесин деген максатта, жыйнакты кошумчалап, кайрадан басмадан чыгарууну ылайык көрдүк. Бүгүнкү күндө илимдин, маданияттын кайсы тармагында болсун, дайыма элдин рухун байыткан, ага зор салым кошкон, келечекке керектүү ар кандай эмгектерди дайыма колдоого алып турушубуз өтө маанилүү маселе.

Кылымдардан кылымдарга улуу мурас катары уланып келген көөнөрбөс көркөм дөөлөттөрүбүздү, нарк-насилибизди, улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап жана келечек муундарга өткөрүп берүү – баарыбыздын атуулдук милдетибиз.

Окурмандарга жакшылык, бакыбат өмүр, эл-журтубузга биримдик, ынтымак тилейбиз.

Кеңеш ЖУСУПОВ, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу

Каныбек ИМАНАЛИЕВ,  Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин депутаты

 

 

КЫРГЫЗДАР БАЙЫРКЫ ЖАНА ОРТО КЫЛЫМДАРДАГЫ ДАРЕКТЕРДЕ

Н. Я. БИЧУРИН (ИАКИНФ)

 «БАЙЫРКЫ МЕЗГИЛДЕ ОРТО АЗИЯДА  ЖАШАГАН ЭЛДЕР   ТУУРАЛУУ  МААЛЫМАТТАРДЫН ЖЫЙНАГЫ»

  1. Хаканьсы. Хагас (Кыргыздар). Хагас – байыркы Гяньгун мамлекети. Ал – Хаминин батышында, Харашаардын түндүгүндө, Ак тоолордун жанында жайгашкан. Айрымдар бул мамлекетти Гюйву жана Гйегу деп аташат. Калкы динлиндер менен аралашып кетишкен. Хагас аймагы бир мезгилде хунндардын батыш чегин түзгөн. Хунндар аларга багынып берген кытай кол башчысы Ли Линди батыш Чжуки князынын даражасына көтөргөн, башка кытай аскер башчысы Вэй Люйди динлиндерге падыша койгон. Кийинчерээк Чжичы Шанью Гяньгундарды багынтып, анын чыгыш Шанью ордосунан 7000 ли батышка, Чешыдан түндүктү көздөй 5000 ли аралыгында туруп калган, андыктан бул өлкөнүн ээлери Хагасты жаңылыш Гйегу жана Гйегйесы деп аташкан. Элинин саны бир нече жүз миңге, кошуну 80000ге жетет. Түштүк-чыгышка карай түз эле Хойхус ордосуна чейин 3000 ли деп эсептелинген, түштүккө карай Тань-мань тоосуна чейин созулган. Жеринин кыртышы жайкысын саздуу, кышында кары калың. Адамдары дээрлик бойлуу, сары чачтуу, кызыл жүздүү жана көздөрү көк. Кара чач жакшы жышаан катары эсептелген эмес, ал эми кой көздүүлөр Ли Линдин тукуму деп эсептелинген. Эркектер аялдарга караганда аздык кылган. Эркектер сөйкө тагынышкан. Алар намыскөй жана чыдамкай, эр жүрөктүүлөрү колдоруна белги (орусчасы татуировка) салышкан, ал эми аялдары күйөөгө чыкканда мойнуна белги коюшкан. Эркек менен аялдар бөлүнбөй жашашкан, ошол себептен ыймансыз иштер арбын жолугат. Жылдын биринчи айы Марши ай деп аталат. Ай бул азыркы маанидеги эле айды билдирет. Үч ай жылдын чейрегин түзөт. Жылдар он эки белги менен эсептелет, мисалы, Инь белгисиндеги жыл жолборс жылы деп аталат. Аба ырайы суук келет; ал турсун чоң дарыялар жарымына чейин тоңот. Таруу, арпа, буудай жана гималай арпасын эгишет. Унду кол тегирмендер менен тартышат, үрөндү үчүнчү айда сээп, түшүмүн тогузунчу айда жыйнап алышат. Винону боткодон ачытат. Мөмө-жемиштер, жашылчалар жок. Аттары чымыр, азоолору мыкты деп эсептелет. Төөлөр, уйлар бар, бирок уйлар менен койлор көбүрөөк. Бай дыйкандарда алар бир нече миң башка жетет. Айбанаттардан элик, бугу сымалдар (орусчасы – сохатые), кара куйруктуу текелер бар. Кара куйруктуу текелер кабыргаларга окшош, бирок чоң кара куйругу бар. Балыктардын ичинен бирөө узундугу жети футка жакын, жылма жана кылкансыз, оозу-мурдунун түбүндө болот. Канаттуулардан: жапайы каз жана өрдөк, сагызган, карчыга. Дарактардан: кызыл карагай, кайың, илем, тал, карагай, акыркысы ушунчалык бийик болгондуктан жаадан атылган жебе чокусуна жетпейт. Бирок баарынан көп өскөнү кайың. Алтын, темир, калай бар. (Котормодо мындан ары бош орун: кытайча текстте мындай деп айтылган: «Ар бир жамгырдан адатта темир алынган, аны цзя-ша деп аташат. Куралдарын өтө курч жасашат: дайыма тукюэге алып барып турат»). Согушта жаа жебесин жана туу колдонушат. Атчандар курч кылычтан жана жебеден сактануу үчүн колу-бутун жыгач менен каптайт, ийиндерин тегерек жыгач калканч менен жабат. Мамлекеттин башчысы Ажо деп аталат, ошол себептен башчынын аты Ажо деп аталат. Анын турган жеринде туу сайылып турат. Калгандары уруулардын аттары менен аталат. Киштин жана сүлөөсүндүн териси кымбат кийим катары эсептелет. Ажо кышында тумак, жайында төбөсү учтугуй, жээги сыртына кайрылган алтын менен жээктелген калпак кийген. Калгандары кийиз калпактарды кийишет. Дегинкиси, курунда кайракты, б.

а., мусат алып жүрүүнү жактырышат. Жардылары кой терисинен жасалган кийимдерди кийишип, калпаксыз жүрүшөт. Аялдары Аньвиден, Бэй-тьхинден жана Дахядан алынган жүн же жибек кездемелерден тигилген көйнөктөрдү кийишет. Ажонун Кара тоолордо турагы бар. Анын конушу мамылар менен курчалган. Үйү кийиз менен капталган чатырдан турат, аны медичжы деп атайт. Аскер башчылары кичирээк чатырларда жашашат. Аскерге бардык муундардан тартылат. Салыкты киш жана тыйын чычкандын терилери менен төлөйт. Төрөлөрү алты баскычка бөлүнөт, алар: министрлер, жогорку башчылар, башкаруучулар, иш башкаруучулар, жол башчылар жана дагандар. Министрлери жети, башкы начальниктери үч, башкаруучулары он. Алардын баары аскер жетектейт. Иш башкаруучулары он беш. Жол башчылары менен дагандардын чендери болбойт (штаттык санда). Эт жана жылкынын сүтү менен тамактанышат. Ажо гана буудай ичимдигин (вино) ичет. Музыкалык аспаптардан флейта, бубен бар, андан башка эки белгисиз аспап бар. Көңүл көтө рүүчү оюндардан кеңирирээк таркалгандары: үйрөтүлгөн төөлөр жана арыстандар, ат үстүндө аткарылуучу, арканда жүрүү оюндары. Арбактарга курмандыкка чалуу талаада өткөрүлөт. Курмандыкка чалуунун белгилүү убактысы болбойт. Бакшыларды гань (кам) деп аташат. Никелешүүдө калыңына жылкы жана кой беришет. Байлары жүз, миң баштан беришет. Өлгөн кишини көмүүдө беттерин тытышпайт, сөөктү үч катар ороп ыйлашат, андан кийин аны өрттөшөт, сөөгүн чогултуп бир жылдан кийин көмөт. Мындан кийин белгилүү убактарда үн чыгарып ыйлашат. Кышкысын үстү дарактын кабыгы менен жабылган үйлөрдө жашашат. Жазуусу жана тили хойхустардыкына дээрлик окшош. Алардын закондору өтө катуу. Согуш алдындагы чечкиндүүлүктү бузгандыгы, элчилик милдетин аткарбагандыгы, мамлекет башчысына туура эмес кеңеш бергендиги үчүн жана ошондой эле уурулук кылгандыгы үчүн башын алууга өкүм кылынат. Эгерде уурунун атасы болсо, анда уурунун башын атасынын мойнуна иле коёт, атасы аны өмүр бою көтөрүп жүрүүгө милдеттүү.

Ажонун турган жеринен хойхустардын ордосуна чейин төөнүн жүрүшүндө 40 күндүк жол деп эсептелет. Элчилер Тьхянь-дэден Си Шеу-сянчен шаарчасына чейин 200 ли, андан ары түндүккө Гагарь булагына чейин 300 ли, булактан түндүк-батышты көздөй хойхус ордосуна чейин 1500 ли. Эки жол бар: чыгышка жана батышка кеткен. Булактан түндүккө кеткени чыгыш жолу деп аталат. Хойхус ордосунан 600 ли түндүктө «Селенга» агып өтөт; Селенгадан түндүк-чыгышта ак кардуу тоолор. Бул өлкө сууга жана жайыттарга мол. Кара тоонун чыгыш тарабында Гянхэ дарыясы бар. Ал аркылуу баттар менен өтүшөт. Бардык дарыялар чыгышты көздөй агат. Хагасты жандап өткөндөн кийин, алар кошулушуп түндүктү көздөй агат. Андан ары деңиздин чыгыш тарабы менен агат. (Бул жерде котормосу так эмес, бардык дарыялар Хагасты жандап өтүп, түндүк-чыгышка агат, түндүктө кошулуп (көлгө) куят). Косогол көлү. Дубо, Милигэ, Эчжы аттуу тукюнун үй аймагы көчүп-конуп жүргөн Мумага келишти (лыжа тепкен тукюлер). Алардын княздары Гйегинь деп аталат. Кайыңдын кабыгы менен жабылган үйлөрдө жашашат. Аларда көптөгөн жакшы аттар бар. Жыгач аттар менен муз тебүү көнүмүш адат. Буттарына лыжа байланышып, колтуктары менен иймек баштуу таяктарга таянышат. Ар жолку таянуу менен алдына карай жүз кадамдар аралыкка укмуштай тез түртүлөт. Түнкүсүн уурулук, талоончулук кылышат, ал эми күндүзү жашынышат. Хагастар аларды кармап жумуш жасатышат. Хагас күчтүү мамлекет болгон; ээлеген жеринин аймагы боюнча тукшелердин жери менен тең. Тукюенин башчылары кыздарын алардын башчыларына беришкен. Чыгыш тарабы Гулиганга, түштүк тарабы Тибетке, түштүк-батыш тарабы Гэлолуга чейин созулган. Мурда Хагас мамлекети Сейеянтолорго көз каранды болчу да, жогортон көзөмөл жүргүзүү үчүн өздөрүнүн Гйелифусун койгон, алар Хагастын башкаруучусунун Гйеси Бей, Гюэшабо Бей жана Ами Бей деген үч министри болгон. Алар бардык мамлекеттик ишти башкарып турган. Хагастар эч убакта ортоңку мамлекет менен катташкан эмес. Чжень-гуан башкара баштаган мезгилден берки жыйырма экинчи жайда 648 тйелэстер Тхан башчыларына өтүп кетти деген кабар алып, хагастан белектер менен өкүл жөнөт үшкөн. Сылифа Шиболюй Ач-жань башчысы өзү Сарайга келет. Тхайцзунь ага сыйын көрсөтүп жатып, өзүнүн төрөлөрүнө минтип айтат: «Өткөндө Вэй-цяо көпүрөсүндө көп кызматына мактангандыгы үчүн үч тукюенин башы алынган. Азыр Сылифа дасторкондо отуруп, өзүн жоготуп баратат окшойт». Мас болгон Сылифа Ху-бань болууга макул экендигин билдирди. Император анын жерин Гянь-гунь областы деп өзгөрткөн. Сылифага аскер даражасы берилген жана Яньжань наместнигине баш ийүү менен бирге өз жеринин башкы башкаруучусу болуп калган. Император Гао-Цзундун императорлугу учурунда (650–683) эки жолу Сарайга келишкен. Цэин-лундун башчылыгында (706–711) жергиликтүү буюмдар тартууланган. Чжун-цзун элчини өзүнө чакырып минтип айткан: «Силердин башкаруучу урууңар менен уруумдун түпкү теги бир (Тан династиясы юри көчмөн уруусунан чыккан), мен аларды башка вассалардан айырмалап турамын». Сюань-цзун падышасынын учурунда (713–755) жергиликтүү буюмдар менен төрт жолу элчилик барган. Кянь-юандын бийлиги учурунда, 758-жылы хойху (уйгурлар) ал мамлекетти басып алган; ошондон кийин хагас элчилиги ортоңку мамлекетке өтө алган эмес. Кийинчерээк түндүктөгү көчмөндөр Хагасты Хакянь деп жаңылыш аташкан, бирок хойхус тилинде кызыл жүздүү дегенди билдирет, бул сөздү Гягяс деп дагы туура эмес айтып жүрүшкөн. Бул мамлекет Даши, Туфани жана Гэлолулар менен дайыма достук мамиледе болушкан, бирок туфандар Хагастар менен болгон катнашта хойху тарабынан талоонго учурап калабыз деп коркушкан, ошондуктан Гэлолудан кыштоочуларды алышкан. Дашиден жыйырмадан көп эмес төө менен оймо-чиймелүү жибек кездемелер келип турган, бирок бардыгын батыра албай калган учурда аны төөгө артышкан. Мындай кербенди үч жылда бир жолу жөнөтүп турган. Хагастын башчысы хойхунун ханынан Пицьсйе Тунгйе Гинь даражасын алган. Бирок хойху начарлай баштаганда, Ажо өзүн өзү хан, энеси Туңишини жесир ханша, аялын, Гэлу-шехунун кызын ханша деп жарыялаган. Хойхус ханы министрди аскер менен жөнөткөн, бирок ал ийгиликке жетишкен эмес. Хан согушту жыйырма жыл уланткан. Ажо өзүнүн жеңишине текеберленип минтип айткан: «Сенин күнүң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду аламын, анын алдына атымды коёмун, туумду саямын. Эгерде мени менен согуша алсаң батыраак кел; эгерде анте албасаң тезирээк кеткин». Хойхус ханы согушту уланта алган эмес. Акыры анын өз кол башчысы Гюйлу Мохэ Ажону хойхус ордосуна алып келген. Хан майданда өлтүрүлүп, анын Дэлэси чачыраган. Ажо өзү башчылык кылып, хандын жана ханшанын турагын өрттөп жиберген. Хойкус ханы адатта алтын чатырда турчу. Ажо анын бардык байлыктарын ээлеп, хан ша Тхайхону туткунга алган; андан кийин өзүнүн турган жерин Лао-шань тоосунун түштүк тарабына которгон. Лао-шандын дагы бир аты Думань, ал мурунку хойхунун конушунан ат жүрүшүндө 15 күндүк аралыкта турат. Ханша Тхан тукумунан болгондуктан, аны Ажо Кытайлардын Сарайына элчи кошуп жөнөткөн, бирок хойхунун ханы Угйе аны жолдон кармап алып, элчини өлтүргөн. Хагас элчиси өлгөнүн билгенден кийин Ажо кытай Сарайы менен байланыш түзүүгө себеп таппай, ханша менен болгон окуяны жеткирүү үчүн Чжуву-Хэсону жиберет. Чжуву аты, Хэ тайманбас дегенди билдирет, со – сологой, б. а., сологой мерген. Элчи үчүнчү жыл дегенде кытай борборуна жеткен. 841-жылы такка олтурган Ву-Цзун абдан кубанып, алыскы өлкөдөн урмат менен келген элчини Бо-хай хандыгынын (Маньчжурия, 712– 926) элчисинен жогору койгон; төрө Чжао Фанды бунчук менен хагас мамлекетине барып, Сарайга жакшы мамиле кылып коюуну буйрук кылган; министрлерине жана Хунлу-сынын мүчөлөрүнө элчи менен жолугуп, тилмеч аркылуу ал өлкөнүн тоолорун, дайраларын, элдик салттарын жазып калууну айткан. Министр Дэ Юй мамлекеттин башчысына мындай деп билдирген: – Чжен-Гуань башкарып турганда ар түрдүү алыскы мамлекеттерден элчилер келип турган, ошол себептен Янь Ши-гу төрө Чжеу династиясынын тарыхчылары сыяктуу урмат көрсөткөн, Чет өлкөлүк падышалардын таржымалын түзүүнү сунуш кылган. Хагастар ортоңку мамлекет менен эркин карымкатнаш түзгөндүктөн, келечек кылымдардын урпактарына көрсөтүш үчүн алардын падышасынын келбетин тартуу керек. Хун-лу-сыга сүрөтчү табуу милдети жүктөлгөн, ошондой эле Ажо Кытай Сарайында бийлик кылган урук менен түпкү теги бир болгондуктан, аны падышанын санжыра китебине киргизүүнү өкүм кылган. Бул учурда Угйе-хан калган эли менен Кара арабалардан жай тапкан. Ажо күзүндө аттардын эттүүлүгүнөн пайдаланып ханды кармап алууну ойлоп, ошондуктан кытай Сарайынан кол сураган. Император төрө Лю Мынды чек араны байкап келүүгө жиберген. Төрт аскер кошуну кытайдын түндүкбатыш бурчунда Тибет менен болгон узакка созулган кармашууда алсырап, ал эми он сегиз аймак көчмөндөрдүн аскерлеринин наркы-терки өтүшүнөн жапа чеккен. (Император жөнөттү деген сөздөн ушул жерге чейин кытай текстинин так котормосу мындай дейт: император берилсин деп айткан (аскерди). Бул иштин учурунда Лу Хао чек аранын инспектору болуп дайындалган. Хэлундун төрт чеби (колу) жана 18 аймагы чыгыштан жана түндүктөн келген жат элге толуп кеткендигине байланыштуу Сарай мындай деп эсептеген…) Бактыга жараша, хойхунун абалы начарлап, Тибет болсо өз ара согуштар менен алек болуп жаткан; андыктан Ву-цзун алардын ал-жайынын начардыгынан пайдаланып, Хагаска элчи, хагас башчысына Цзун-ин Хюнк-ву Чэн-мин хан деген даража берилген кат жиберет. 846-ж. Ву-цзун өлөт. Жаңыдан такка отурган Сюань-цзун өзүнөн мурунку хандын осуяттарын аткаргысы келет, бирок кээ даражалуу төрөлөр Хягас Тан уруусу менен теңеле албаган анча чоң эмес уруу, ошондуктан бул ишти министрлер 4-класстагы төрөлөр жана андан жогоркулар менен кароого тийиш болушкан. Төрөлөрдүн жалпы ою мындайча болду – хойху күчтүү учурунда аларга наам берилип турган, бактыга жараша алар азыр начарлады, ал эми келечекте бейкутсуздукту болтурбоо үчүн хагастарды күчөтүүнүн зарылдыгы жок. Ошентип бул иш калтырылган. Да-чжундун бийлигинин биринчи жайында (847) хагас ханы көз жумган. Кытай сарайы жаңы ханга Ин-ву Чен мин хан деген даража берилгендиги тууралуу кат менен элчи жиберет. Сянь-тхун бийлик кылып турган мезгилдери, 860–873-жылдары үч жолу Сарайга келишкен. Бирок хагас хойхуну таптакыр багындыра албады. Кийинчерээк элчилик барганбы, даража каттары берилгенби, тарыхчылар жазуу жүргүзүшкөн эмес.

Тан династиясы тарыхынан алынган. Т. 1, М, – Л., 1950, 350–357.

Которгондор: Азим Түмөнбаев, Абдимуктар Абилов

                                  ТҮШҮНДҮРМӨ

             Н.Я.БИЧУРИН ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ ТУУРАЛУУ

Акыркы мезгилде республикабыздын коомчулугу тарыхка, тактап айтканда, кыргыз элинин тарыхынын тигил же бул маселелерине айрыкча кызыгуу туудуруп жатышы басма сөзгө, радио жана телевидениеге, Кыргыз ИА тарых институтуна келген кат-кабарлардан улам маалым болуп жатат. Анын үстүнө тарыхый-этнографиялык маалымат чогултуу максатында айыл жерлерди кыдырып, көптү көрүп билген адамдар менен маектешип жүргөнүбүздө кыргыз элинин тарыхына байланыштуу көптөгөн суроолорду берип, ар кыл маселелерди чечмелеп берүүнү өтүнүшөт.

Албетте, окурмандар тигил же бул проблема же тарыхый доор боюнча илимий же илимий-популярдуу китептерди колго алганда өздөрү кызыккан маселелердин бардыгына жооп тапкысы келет. Бирок кээде окурмандын бул ою ишке ашпай, эмгекте көтөрүлгөн маселелердин чечилишине, же болбосо маселенин коюлушуна көп канааттана албай калат. Мисалы, кыргыз элинин келип чыгышынан XVI кылымга чейинки тарыхы кийинки доордо башынан кечирген тарыхына караганда бир топ себептердин натыйжасында көңүлдөгүдөй чечилбеген, ошол себептен бүгүнкү күндө окумуштуулардын арасында талаш-тартыштарды туудуруп келе жатат. Бул талаштардын негизги маселеси окурмандардын калың катмарына да айдан ачык маалым.

Талаштын негизги маселелеринин бири – Енисей дарыясынын жогору жагында, Минусин (муну кыргызча «Миң суу» деп да айтып жүрүшөт) өрөөнүндө биздин заманга чейинки III–II кылымдарда кытай тарыхый булактары боюнча белгилүү болгон «кыргыз» деген аттын жана бул ат менен бара-бара аталган географиялык чөлкөмдө түзүлгөн элдин Тянь-Шань тоо кыркаларында бир кыйла замандан кийин пайда болгон кыргыздар менен (башкача айтканда, биз менен) түздөн-түз байланышы барбы же жокпу деген суроонун тегерегинде жүрүп жатат. Белгилей турган нерсе бул илимий маселе нары оор, нары та таал.

Бул талаш-тартыштын чечилишине ар кандай себептер тоскоолдук кылууда, алардын эң башкысы тарыхый, археологиялык, этнографиялык, лингвистикалык, фольклордук жана башка булактардын жетишсиздиги. Анын үстүнө бири-бирине карама-каршы турган илимий проблемалар да бар. Ошого карабастан кыргыз окумуштууларынын иликтөөлөрү, СССР Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн окумуштуу-археологу Ю. С. Худяковдун археологиялык казуулары жана алардын негизинде жазылган илимий эмгектери бул илимий маселени терең изилдөөгө багытталган.

Азыр Түштүк Сибирде жашаган хакастар ошол Енисейде жашаган кыргыздардын түздөн-түз тукуму деген ой бекемирээк далилденип жатат. Бул жагдайда СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, археолог-окумуштуу, профессор Л. Р. Кызласовдун эмгеги зор. Бирок бул проблема дале болсо биротоло чечиле элек, ал келечектин иши. Төмөндө ушул проблемага тике тиешелүү тарыхый булактардын биринин котормосун окурмандарга сунуш кылабыз. Бул тарыхый булак атактуу синолог, чыгыш изилдөөчү, Никита Яковлевич Бичурин (Иакинф ата) тарабынан кытай династиясынын тарыхынан которулган.

Өткөн жылы окумуштуунун туулган күнүнө 210 жыл толду. Ал 1777-жылы Казань губерниясынын Чебок-Сары уездинин Бичурин кыштагында диний кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Улуту чуваш. Никитанын атасы дин кызматчысы болгондуктан ошол мезгилдеги падыша өкмөтүнүн саясатына жараша андай адамдын балдары да дин окуу жайларында окуп, келечекте чиркөө жана башка диний жайларда иштөөгө даярдалган. Ошол себептен Никита да адегенде Казандагы диний семинариясында (1786-жылдын август айларында диний академияга айланган) 15 жыл окуган. Академияны бүтүп чыкканда эл классикалык латын, грек тилдерин жана француз, немец тилдерин абдан жакшы өздөштүрүп алган. Казанда окуп жүргөн кезинде эле ал тарыхка, элдин үрп-адатына, салтына өтө кызыгып, көптөгөн адабияттарды окуп, бош убактысында Казандын көчөлөрүндө, базарларында ар кыл тилде сүйлөгөн, ар кандай салтты кармаган элдин жүрүш-турушуна кунт коюу менен байкоо жүргүзгөн. 1800-жылы 18-июлда Н. Я. Бичурин монах болуп, «Иакинф» деген ат менен чиркөө кызматчыларынын катарына кошулган. 1806-жылы диндин тартибин бузду деген себеп менен Тоболь семинариясына көзөмөлдүн астында риторика боюнча мугалимдикке которулат. Тоболь шаарына ал мезгилде падыша өкмөтүнө каршы чыккан адамдарды сүргүнгө айдоочу, Иакинф ата бул жерде да убактысын текке кетирбестен чыгыш элдеринин тарыхына, үрп-адатына болгон кызыгуусун арттырып, ар кандай адабиятты окуп, билимин тереңдеткен.

Ушул жерде анын өмүрүндө бурулуш болот. Никита Яковлевич 1897-жылы 8-майда тогузунчу диний миссиянын начальниги болуп дайындалып, алыскы кытайдагы Пекин шаарына жөнөп калат. Диний миссиянын негизги милдети Пекинде жашаган орус казак-албазиндердин диний муктаждыктарын канааттандыруу, аларда православие дининен ажырап калбоого шарт түзүү болгон, Казакалбазиндер Пекинде императордун гвардиясында кызмат кылышкан. Никита Яковлевичке чейин эле 1716-жылдан бери 8 миссия барып иштеп келген. Ар бир миссия 7 жылда бир жолу алмашкан.

Бичурин Пекинге келген күндөн тартып кытай тилин өздөштүрүүгө зор ынтаа менен киришет. Бара-бара илимий иликтөөлөргө баш-оту менен кирип кетип, өзүнүн түздөн-түз ишине салкын мамиле жасап калат. Анын үстүнө Россияда 1812-жылы Ата Мекендик согуш башталып, Пекиндеги тогузунчу миссия унутулуп калат. Натыйжада, миссионерлер каражатсыз абалда калып, баштарына кыйынчылыктар түшө баштайт. Аларды 1814-жылдын сентябрынан 1816-жылдын июнуна чейинки мезгилде өтүп жаткан Вена конгрессинде гана эстешет.

1821-жылдын 35-майында тогузунчу миссия Н.Я.Бичуриндин жетекчилиги менен кайра Ата Мекенге жол тарткан. Россияга келгенден кийин диний кызматкерлер аны куугунтукка алып, акыры Ладога көлүндөгү Валаам монастрынын түрмөсүнө камайт. Ага негизинен, миссиянын ишин толугу менен бузган, чиркөөнүн мүлкүн сатып жиберген, өзү динге жат иштерди жасаган деген күнөө коюшкан. Ал досторунун жардамы менен 3 жылдан кийин түрмөдөн чыгып, тышкы иштер министерствосунун Азиялык департаментине орношот.

Бирок Н. Я. Бичурин динге кылган кызматы же ага каршы бузукулук иштери менен атагы чыкпастан, дүйнөлүк чыгыш таануу илимине кытай тарыхый булактарын биринчи ирет алып чыгып которуп, алар боюнча жазган илимий эмгектери менен атактуу окумуштуулардын катарына көтөрүлгөн. Кытайда жүргөн кезинде Кытай, манжур тилдеринде жазылган китептерди сатып алып чогултуп, Кытай менен Монголиянын этнографиясы боюнча бай коллекцияларды жыйнаган. Китеп, кол жазма, буюм-тайымдар салынган жащиктердин салмагы 400 пудга жетип, 15 төөгө жүктөп келинген.

Н. Я. Бичуриндин талбас эмгегинин натыйжасында дүйнөлүк чыгыш таануу илими баа жеткис тарыхый бу лактарга ээ болгон. Таланты ташып, күч-кубаты толуп жүр гөн жылдары да ошол өзү алып келген китептердин кот ормосун биринин артынан бирин берет, кыска мөөнөттүн ичинде Россиянын чыгыш таануу илими дүйнөдөгү чыгыш таануу илимдеринин алдыңкы сабына чыгат.

Албетте, бул таланттуу адам жөнүндө айта берсе сөз көп, бирок айрыкча белгилеп кете турган нерсе – Бичурин дүйнөдө биринчи болуп, кытай тарыхый булактарын илимий негизде карап, аларды Борбордук жана Орто Азия элдеринин келип чыгыш жана кийинки тарыхы боюнча өзүнчө булак боло алат деген жобону айтып, аны илимий эмгектеринде ишенимдүү далилдей алгандыгында. Анын негизги эмгектеринин ичинен төмөндөгүлөрдү атаса болот: «Описание Тибета в нынешнем его состоянии», «Записки о Монголии, сочиненные монахом Иакинфом», «Описание Чжунгарии и Восточного Туркестана в древнейшем его состоянии», «Историческое обозрение ойротов, или Калмыков, с XV столетия до настоящего времени», «Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена» ж. б. Акыркы аталган эмгек көтөрүлгөн маселелердин татаалдыгы боюнча, документалдуу булактарды колдонушунун кенендиги боюнча, кытай тексттерин которуудагы толуктугу жана тактыгы боюнча башкаларынан айырмаланып турат. Бул эмгектин мааниси күнү бүгүнгө чейин жоголо элек.

Атактуу окумуштуу, Россия Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, Демидов атындагы академиялык сыйлыктын бир нече жолку лауреаты Никита Яковлевич Бичурин 1853-жылы 76 жашында Александр-Невск лаврасында (эркектер туруучу православиелик монастырь) дүйнөдөн кайткан.

Бул окумуштуу доорунун улуу адамдары В.Г.Белинский, А. С. Пушкин менен жакын болгон. Н.Я. Бичурин дин эмгектерин көрүнүктүү чыгыш таануучулары В.В. Гри горьев, А. К. Казем-Бек, О. М. Ковалевский, Я.И.Шмидт ж. б. жогору баалашкан. Ал эми чет өлкөлөрдө анын ысымын алдыңкы катарга коюшкан. Немец окумуштуусу, саякатчысы Клапрот: «Иакинф ата окумуштуулардын бүтүндөй бир тобу жасай турган ишти жалгыз өзү бүтүргөн» – деп айткан.

Бирок Н. Я. Бичурин жаза баштаган мезгилде эле башка чыгыш таануучулары, мисалы, Петербург университетинин профессору А. К. Казем-Бек, кытай тарыхый текс ттерине сын көз караш менен мамиле кылуу керектигин айтып, Бичуриндин эмгектеринде илимий комментариялар жок, анын үстүнө батыш европалык илимий эмгектерди аз пайдаланат деп сындаган. Окумуштуулардын кийинки изилдөөлөрү Бичуриндин котормосунда жана изилдөөлөрүндө монгол жана түрк элдеринин келип чыгышы боюнча маселелерди чечмелөөдө бир катар катачылыктарды кетиргенин далилдешкен. Маселен, Монголиянын территориясынын тарыхый өнүгүшүн, этникалык (улуттук) составынын узак тарыхый мезгил ичинде бир нече жолу өзгөрүшүн эске албай, байыркы тарыхый доордо жашап өткөн урууларды, элдерди Бичурин Монголияда өзү көргөн-билген элдердин эле өзү деп эсептеген. Натыйжада гунндар, сяньбилер, жуан-жуандар, түрктугюлар, уйгурлар жана башкалар Бичуриндин эмгектеринде монгол уруулары болуп калган. Анын үстүнө кытай тарыхый булактарында бир эле элдин аты бир нече түрдө (транскрипцияда) берилиши окумуштуулар үчүн кыйынчылыктарды туудурууда. Мисалы, Енисей кыргыздары – Гяньгунь (Цзянь-гунь), Гэгу, Цигу (кигу), йегу, хакас, хакяньсы, киликицзы; ал эми уйгурлар болсо – гаогюй, хойху, вейвурр деген аттар менен берилген. Буга окшош мисалдардын бир тобун келтирсе болот. Ошого карабастан тарыхчылар мүмкүнчүлүктүн жетишинче өткөн доордун тарыхын калыбына келтирүү жаатында аракеттенишүүдө. Ушул жерде Н. Я. Бичуриндин эмгектери окумуштуулар үчүн баа жеткис жардам берип жатат.

Которгон Айдарбек КӨЧКҮНОВ

                       КЫРГЫЗДАР КЫТАЙ ЖАЗМАЛАРЫНДА

                                                                     Алгы сөз

Ата-бабанын өткөндө басып өткөн издери эми бизге тарых болуп, ал издерден эмнелер калды экен? дегенди иликтеп-издеп жүрөбүз. «Кыргыздар эң байыркы элдерден» деген аныктаманы кытай жазма булактары менен ырастап келген. Мына эми ал булактардын эне тилдеги котормосун окууга насип болуп олтурат. Колуңуздагы бул котормону окуудан мурда «Кытай тарыхый жазмалары» деген түшүнүктү баса көрсөтө кеткен оң. Бул китепте кытай тарыхый жазмалары дегенибиз Кытайдын даңазалуу «26 тарых» деп аталган ар кайсы доорлордун (сулалалардын) тарыхын, арийне бул «26 тарыхка кирбеген, бөлөк жазма тарыхтар шарттуу түрдө айтылды. Атап айтканда, биздин санактан мурдакы 200 жылдан тартып, биздин санактын 1911-жылына чейин болгон Кытайдын жазма тарыхтары «Кытай жазма булактары» деген түшүнүккө жыйнакталып олтурат.

Ал эми Кытай тарыхый булактарында кыргыздар жө нүндө баян ошол Кытайдын ата тарыхы болгон Сыма Чендин «Тарыхый эстеликтеринен баштап эле жазылып келген (санактан мурдакы 200 жылдан баштап). Дегинкиси, ар кайсы сулаланын тарыхында окшобогон көлөмдө баяндалганын гана айтса болот. Ал эми колуңуздагы бул китепке ошол «Кытай тарыхый жазмаларынын» ичиндеги кыргыздар бир чама толук баяндалган, тарыхтан бери тамшантып келген бөлүктөрүн гана которуп, алгачкы саамалык катарында суна турууга үлгүрдүк.

Атап айтканда, «Кытай тарыхый жазмаларындагы» кыргыздар аттуу бул котормо китепке алгач ирет «26 тарых» ичиндеги кээ бир тарыхтан үзүндүлөр жана Кытай падышасынын кыргыз хаканына жазган каттары, дагы Кытайдын кээ бир тарыхый китептердеги кыргыздар жөнүндөгү баяндар үзүп алынып которулду.

Бул котормо китепте бизге кыргыздар жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар берилет.

  1. Кыргыздардын теги-түбү жөнүндө баяндар айтылат.

Мында кыргыздардын теги-түбү түрктөрдөн тараган эмес, түрктөрдү кураган, «түрк» деп аталган эл менен тең атанын балдары экендиги жөнүндө айтылат. Андан бөлөк, кыргыздар «дил, диңлин, телек» деп аталган байыркы «Телек бирикмеси» ичиндеги кырк уруунун бирөө экендиги, V–VI кылымдар кыргыздар ушул кырк урууну курагандыгы жөнүндө баян жана кыргыздардын гунндар жана каңкылар менен болгон байланышы көрсөтүлөт. Андан бөлөк, бул тарыхый баяндарда «кыргыз» деген аттын ар кайсы доорлордогу тыбышталып жазылуусу, кадыресе, «кыргыз» деген аттын мазмун чечмесин иликтеген ойлор айтылат. Мында «Жийанкүн» деген аталма «куругус урпак» деген мааниде болуп, аны кытай жазмасында которуп жазгандыгын ушул жолку маалыматтан көрөбүз да, тарыхтан бери «Жийанкүн» жөнүндө айтылып келген жоромолдор тыянакталат. Мындан бөлөк, «кыргыз» деген сөздүн кытай жазмаларына түшүшү «дил, диңлин» деп аталган элдин тили аркылуу которулганын айткан. Дегинкиси, бул баяндарда «кыргыз» деген сөз жөнүндө да кенен маалыматтар айтылган.

  1. Кыргыздын маданияты жөнүндө баяндар айтылган.

Кыргыздардын турак жайы, кадыресе, баш кишиси «эр» деп аталып, ал «бөдке» деген тактыда отура турганын, карапайым элдин үйү, баш киши тура турган ордосу сыяктууларды баяндаган. Ошол кездеги адамдардын кийимдери, азык-оокаты, жер-суусуна өсө турган эгин жана өсүмдүктөрдү баяндаган. Ал чөлкөмдөгү айбанаттар, мал чарбасы жөнүндө баян берген. Болупта ошол кездеги өнөрү, «киш, экиша» деп аталган кенчилик өнөр жайы болуп, кыргыздар темирчиликти кесиптенгенин айткан. Кыргыздын тил жазуусу жөнүндө маалымат берип, кыргыз сөздөрүнөн бир нечени мисалга тартып, аны тыбыштап жазган. Бул маалыматтардан кыргыз тил жазуу тарыхын билүүгө ырааттуу жетишебиз. Болупта ошол кездеги барды-келдиде колдонулган котормочулук иштери жөнүндө маалымат айткан.

  1. Кыргыздардын салт-санаасы боюнча баяндар айтылган.

Кытай тарыхый жазмаларында кыргыздардын салт-санаасы жөнүндө көлөмдүү маалымат берген. Кыргыздардын өлүм узатуу, той берүү, калың төлөө, айып-жаза иштери сыяктуу жактардан баяндар айтылган. Алып айтсак, кыргызда баласы уурулук менен жазаланып башы алынса, анын баш сөөгүн атасынын мойнуна түбөлүк асып коё турган жазасы бар экени сыяктуу конкреттүү мисалдар менен баяндаган.

  1. Кыргыздардын бийлик-башчылык жагдайынан маалыматтар айтылган.

Кыргыздардын санактан мурда эле мамлекет курган эл экени, алардын бийлик башындагы баш кишиси кайсыл мансапта атала тургандыгы жөнүндө айтылат. Кыргызда бийликтин баш кишиси эң эртеде «эр» деп аталган, андан соң ажо, хакан, инал, бий, бек сыяктуу жыйырма сегиз мансап бар экенине чейин жазылган. Ал эми кыргыздын бийлиги бир доордо бүт эле «Гоби» деп аталган чоң чөлдү бүт башкарып турган «Улуу мамлекетке» жетишкени жөнүндө айтылган.

  1. Кыргыздардын мамлекет аралык байланышы жөнүндө маалыматтар берилген.

Кытай тарыхый жазмаларында кыргыздардын кайсы элдер менен байланыш жасагандыгы, кыргыздардын айланасында кайсы мамлекеттер болгондугу жөнүндө маалыматтарды берет. Кыргыздар тыягы арабдардан баштап, бүт эле Азия чөлкөмүндө жашаган элдер менен болгон байланыштары жөнүндө айтылат. Болупта, Кытай менен болгон байланыш качантадан башталганы, бул эки элдин ортосундагы барды-келди иштери көлөмдүү түрдө, ай-жыл санагы боюнча так жазылып калган. Кыргыздардын баш кишиси «Ишбара ажо» 648-жылы Кытайдын ордосуна келгендиги, андан соң кыргыздардан Тапказ сангун, Жоокуу Сол, Ошкур, Дадас Инанчор сангундар сыяктуу чоң элчиликтер Кытай ордосуна келген. Алар ар бир келгенде кем дегенде 300 чамасында адамдар тобу менен келгендиги, атайын сүйлөшүүлөр, салтанаттуу аземдер өткөндүгү жөнүндө сонун баяндар жазылган. Кыргыздардан элчилик келгенде Кытай ордосу атайын катчыларды орундаштырып, алардын кийим-кечеги, түс-турпаты боюнча сүрөт сыздырткан жана алардан маалымат алып, кыргыздар жөнүндө атайын китептер жаздырган. Кытайдан да такай элчилер, эл-жер таануучу саякатчылар Кыргызга барып турушкандыктары жөнүндө маалыматтар айтылган. Дегинкиси, кыргыздын дипломатиялык байланыш тарыхына ушул маалыматтар башат болуп берет дегендей айтса болот.

  1. Бул тарыхый баяндардын маалыматтары чындыктан алынган.

Кытай тарыхый жазмаларындагы кыргыздар жөнүндө айтылган маалыматтар жоромол-түкшүмөлдөр боюнча эмес, атайын адамдар текшерүү жүргүзүп, сурап-билип, көзү менен көрүп, андан соң жазган. Алып айтсак, биздин санактан мурда жазылган Сыма Чендин «Тарыхый эстеликтер» деген эмгегиндеги кыргыздар жөнүндөгү баянды Сыма Чен же анын атасы Сыма Гуаң өздөрү менен ымалалаш жүргөн адамы Ли Лиңден алган. Мындан бөлөк, Кытайдан кыргыздарга барып таанып-билүүгө саякат жасагандар: Жадан деген окумуштуу V кылымда кыргыздар жөнүндө маалымат алган, өзү түндүктөгү аз улуттардын тилин билген адам болуп, «Чар тараптагы бөтөн улуттар баяны» деген эмгекти жазган. Анда кыргыздар жөнүндө маалымат берген. Андан соң Ваң Йыхуң (632-жылы) Кыргызга барган. Жав Фан (840-жылдарда) кыргыздар арасында жүргөн жана кыргыздар жөнүндө маалымат берген. Андан бөлөк, Жа Йуңхуй, Вий Зуңчиң, Лү Шу, Жиң Су, Лыйу Хавли деген сыяктуу кытай окумуштуулары, котормочулары жана кытай элчилери кыргыздарга барган. Же болбосо, келген кыргыздардан кыргыздар жөнүндө маалымат алган. Болупта 840-жылдарда Кытайдын жайсаңы Лий Дыйү (падыша вазири) кыргыздар жөнүндө маалыматты көп чогулткан, падышанын кыргыз хаканына жазган каттарынын көп бөлүгү ушул адамдын кеңеши, берген маалыматы менен бүтүп турган. Лий Дыйү жайсаңдын (вазирдин) сунушу боюнча, ошондо «Кыргыздардын ордого келиши жана тартуу-белектеринин жөн-жайы, алар жөнүндө баян» деген китепти жаздырып, өзү баш сөз жазган. Ал китепке кыргыздардын кийим-кечеги, тартуу-белектеринин жана кыргыздардын сүрөттөрүн сыздырып киргизген. Ал эми кытай тарыхый жазмаларындагы маалыматтар мына ушул жогоруда айтылган адамдар жагынан чогултулган материалдар негизинде жазылган. Андан бөлөк, кыргыздардан келген элчиликтерден кыргыздардын жөн-жайы, жер-суу, жолдору сурап жазылган. Кыргыз хакандарынын жазган каттары кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды байыткан. Айтмак, кытай тарыхындагы кыргыздар жөнүндөгү баяндар кургак жеринен жазылбастан, терең текшерүү, көптөп маалымат чогултуу менен жазылган тарых болуп эсептелет.

  1. Кытай тарыхый жазмаларында кыргыздар жөнүндө которула элек маалымат ого бетер көп.

Бул которулган маалыматтар «Кыргыз» деген сөзгө төтө байланыштуу, «Кыргыздар» деген арналуу темаларда айтылган баяндар үзүп алып которулду. Мындан бөлөк, кыргыздардын байыркы жер-суулары, чөлкөмдөрү, башка улуттар менен болгон байланыштары сыяктуу маалыматтар кытай тарыхый жазмаларында абдан көп, алар мындан аркы которууну күтүп турат. Дагы бир маанилүү нерсе, 843-жылы «кыргыздар» жөнүндө атайын жазылган, ичинде кыргыздардын сызма-сүрөттөрү бар, китеп али колго тие элек. Кыргыз хакандарынын кытай падышасына жазган каттары да жатат. Мына ушул материалдарды издөө, чогултуу, которуу мындан аркынын милдети болуп эсептелет.

Профессор Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу Үрүмчү, 2004-жыл, башоона айы.

                                        ВИЙ СУЛАЛАСЫ ТАРЫХЫ

                                                                            (Вийнама)

Түзгөн Вий Шу

Бул китеп Түндүк Вий сулаласынын тарыхын баяндайт. 551–554-жылдары жазылган. Жалпы – 130 ором.

Мында «Каңкы баянында» кыргыздардын теги-түбү, жайгашкан жерлери баяндалат.

                                                     Вий сулала тарыхы 103-ором Жөн баян 91

КАҢКЫЛАР БАЙАНЫ

Каңкы уруусу – байыркы кызыл дил (* ) улутунун тукуму. Эң эртеде «дил» (* ) деп аталган. Түндүк жак тагылар кийин аны «теле» (* ) деп аташты. Орто түзд үктөгүлөр (Жуңго) аларды «каңкы (* ), диңлиң (* ) деп атап келди.

Бул уруунун тили хондордун тили менен көбүнчөсү окшойт, бирок азыраак айырмасы да бар. Кээ бирөөлөрдүн айтымына караганда, алар (каңкылар) хондорго жээн болот имиш. Каңкылардын тарамдары (топтору): дилдер, уйгурлар, когорсулар, чүбөлөр, кыргыздар (* ), изгилдер болуп эсептелет. Элдик уламышта мындай айтылат: (илгери) Хон теңиркуту эки кыздуу болгон имиш. Алар өтө сулуу болуптур. Эли бүт эле аларды адамзат эмес, үр-перилер деп айтышып кетиптир. Теңиркут анда: «Менин ушундай адамда жок сулуу кыздарымды жөн эле адамдарга күйөөгө берет белем, буларды Көккө (асманга) күйөөгө берейин деп жүрөм» – дептир. Ошону менен Теңиркут Хондор мамлекетинин түндүк жагында адам жок жерге бир бийик секи салгызып, ал кыздарды ошол бийик секинин үстүнө орундаштырыптыр да, көккө тилек кылып: «Айланайын, Көктүн пири, өзүң келип, буларды алып кете көр!» – деп жалбарыптыр. Ошондон үч жыл өтүптүр, кыздардын энеси ал кыздарын алып кетүүнү ойлоп айтса, Теңиркут болбой: «Болбойт, кайра келүү маалы болгон жок» – деп коюптур. Андан да бир жыл өтүптүр. Бир карыган бөрү түндөсү ошол бийик секинин жанына келип улуй берчү болуптур. Кадыресе, ошол бийик секинин түбүнө уюк салып алыптыр. Тээ көпкө дейре ал жерден кетпей коюптур. Ошондо Теңиркуттун кичи кызы: «Атабыз бизди ушул бийик секинин үстүнө жайгаштырып, бизди Көккө узатууну ойлоп жүрөт. Мына эми тиги карт бөрү келди. Ушул ыйык пир болсо керек. Ооба, Көк пири аны жиберген чыгар» – дептир. Ошону менен ал секиден түшүп, баягыл бөрүнүн жанына бармак болуптур. Анда анын эжеси абдан үрөйү учуптур да: «Эй, ал деген бир айбан, сен ага кетсең, ата-энебизди кордогон болбойсуңбу, йа!» – деп болбоптур. Бирок сиңдиси анын сөзүнө болбой, баягыл бийик секиден түшүп, бөрүгө бой кошуп, андан бир уул төрөптүр. Кийин ошондон уруктап көбөйүп жүрүп отуруп бир мамлекет эл чыккан имиш. Мына ушул себептен улам, ал жердеги элдер мойнун созуп, кыйкырып ырдаганды жакшы көрүшөт. Бул бир жагынан бөрүнүн улуганына окшоп калат экен.

Каңкы улутунда бүткүл улутту биримдүү башкарып турган баш кишиси болбойт. Ар кайсы тарам урууларынын өзүнчө баш кишилери болот. Адамдары орой, жоомарт келет. Улутташтар аябай бирдиктүү келет да, сырткы чабуулчу жоого тең тура калышат. Көпчүлүк чогуу ырашкерлүү жашашат. Согуш кезинде колду тизип келип, чогуу сүр көрсөтүп, майданга чыгып кетпейт. Ар уруу өзүнчө согушат да, оңдон-солдон дүмөк салып, бир дем жапырып кирип, кайра кетип дегендей, согуш жасайт. Согушту көпкө созуп салгылашпайт. Ал жердеги элдердин салтында чөк түшүп отурушат. Каадасы жеңил келет да, өтө эле салтанаттап отурбайт. Тергеп-териштирип деле кетпейт. Үйлөнүү тоюнда уй, жылкыны калыңга берет. Калыңдыкка уй, жылкы берсе, аны мартаба катары көрүшөт. Алар элден мурда куда түшө турган күндү сүйлөшүп алышат. Куда түшөр күнү эр жак арабаларын чегип, жылкыларын жетелеп келип куда түшөт. Жетелеп келген жылкынын ичинен кыз жактын адамдары бир атты тандайт да, ага жайдак мине коюп, короону айландыра бастырат. Баягыл аттын ээси (куда жак) короонун бир жеринде туруп, далбак этип чыга калып ат үркүтөт. Ат үркүп жалт берип, мөңкүгөндө аттын үстүндөгү киши жыгылып калбаса, ал ат тандоодон өтөт. Эгерим, тигил киши аттан жыгылып калса, анда бөлөк атты тандайт. Ат тандоо канча жылкы берем деген санга жеткиче ушундай тандалат. Ал жердин адатында аштык эгин эгишпейт, арак ачытышпайт. Кыз көчүрүп келгенде, кыз-жигит бир жерге чогулуп, кыз ойнотор ойношот. Анда алар кымыз ичип, эт жешет. Этти жегенде сөөгүнөн этин шымалап алышып жейт. Мейманчылыкта отурганда төрү, улагасы деп тизилип отурууну деле бабар кылышпайт. Үйдүн алдында оң келген жеринде отура беришет. Той-тамашасына бир күн кечкече убакыт кетет. Жатар болгондо конокторду (куда жакты) жаткырып калышат. Той күндүн эртеси жигит колуктусун төркүнүнө төркүлөтүп кирет. Келиндин кайын журту жактан да адамдар бирге кирет. Анда кыздын төркүнүнүн жылкыларын аралап, бир жакшы жылкысын кармап алышат. Кыздын ата-энеси, ага-тууганы ал жылкыны берүүгө кыйбай турса да, эч кандай сөз айта алышпай турушат.

Адамдар жесир-жубан алууну ар көрүшөт. Бирок аларга жакшы мамиледе болуп, боор оорутуп турушат. Ар бир үйдүн өз малына салган эндери болот. Малдарын короого солоп албай, талаада жатканы менен бирөөнүн малын дагы бирөө алып албайт. Бул жердин адатында тазалыкты анчейин сүйүп кетпейт. Адамдары чагылган чакканды жакшы көрүшөт. Ар бир чагылган түшкөндө алар талаага чыгып чуркурашып, асманга карай жаа тартышат. Кадыресе, ал жердеги журттарын ташташып, бөлөк жакка көчүп кетишет. Кийинки жылы күз аттары семиргенде, бүт баары ошол чагылган түшкөн жерге чогулуп келишип, кара кочкорду ошол жерге көмүшүп, алоо жагып, колдоруна бычак алып турушат. Катын бакшы тилек тилеп, пир чакырып турат. Кудум Жуңгонун жин чакырган аземине окшош болот. Адамдар тизилишип, атчан баягыл алоону айланышат. Жүзгө чейин айланып, анан токтошот. Ар бир киши колдоруна бирден чыбык алышат. Ал чыбыктары сүткө малынган болот. Катындары уй, койдун терисинен жасалган булгаарыны койдун баш сөөгүнө каптап, аны баштарына коюп, чачтарын төбөлөрүнө тегерек кылып түйүп алышат. Мындай жасануу жуңголуктардын мансаптарлары кийген таажылуу баш кийимге окшошуп калат. Адам өлсө аны жерлигине коюуда чоң көр казып, өлүктү ошол көргө отургузат да, кадыресе, анын кулачын кердирип, жаа тартып жаткан сыягына келтирет. Белине кисе байлайт. Как эле тирүү кезиндеги кебетесине алып келет. Ал көрдү көмбөй ачык коюп кетишет. Кээде кээ бир киши чагылган тийип, же оорудан өлсө, эл ага бактылуу болсун деп тилек айтышат. Эгерим, жөн эле өлгөн болсо, ал үчүн кара аш берип, түлөө өткөрөт. Өлүм узатканда көптөгөн мал союлат, алардын сөөктөрүн өрттөп, жыт буратып, түлөө кылат. Адамдар аттарына минип алып, айланып түлөө өткөрөт. Айланганда жүзгө жакын айланат. Эркектер, ургаачылар чогулуп келишип жыйналат, бейпил өтүп жаткан адамдар ырдашып, бийлешип, оюнзоок курат. Ал эми өлүм болгондордун үй-бүлөсү күйүт тартып өкүрүп, үн салып ыйлашат. Уруунун адамдары жайыт-суу куушуп, дайыма көчүп оторлошот. Кийгендери койдун териси, жегендери уй, койдун эти болот. Уй, кой жана башка түрдүү малдары жоржан улуту менен бүт окшош келет. Тек гана каңкылардын арабалары абдан бийик келип, дөңгөлөктөрүнүн чарк айлантма балдактарынын саны аябай көп болот.

Каңкы улуту кийин Лухун көлүнүн батыш-түндүгүнө жүз чакырым келе турган жерге көчүп барышкан да, уруу лары уламдан-улам өнүгө берген.

Алар дайыма жоржандар менен жоолашып турган. Андан соң улуу Вий мамлекетине чабуул жасап, карактап турган. Тайзу (падыша) өзү кол баштап чыгып, аларды соккон. Алардын ар кайсыл урууларын жеңип алган. Кийин Тайзу өзү черүү баштап, Ороло суусунан дагы өтүп, батышка карай черүү салып, Лухун көлүнө жетип барган да, колу алдыга жүрүүдөн токтогон. Андан соң аттуулар кошууну жеңил жарактанып, батышка карай эки жүз чакырым дүмөк салып кирген да, каңкылардын урууларын багынтып, адамдарын туткундап, төрт түлүк малынан 200 миңдейин олжого айдаган. Андан улап эле Бөрүтоо өңүрлөрүндөгү урууларын чаап, аларды жеңип алган. Тайзу чалгындап, чек ара жакаларына барган да, ар кайсы кошуунунун кол башчыларын чыгыш, батыш эки жолго бөлүп, черүү тарттырып, Тайзу өзү 6 кошуунду баштап ортодон жиреп жүргөн. Бовий суусунун батыш түндүгү аркылуу каңкылардын ар кайсыл урууларын чаап кирип, ар кайсы жол менен жортуул жасаган кошуун өз маалында бир жерге кошулууга жетишкен. Ошондо каңкылардын түркүн уруусунан 30 чактыны жеңип келген. Вий ханы Табойы дагы бөлөк чалгынчы кошуунду баштап, батыш түндүк жагынан миң чакырым жаткан Чоң кумдукту кечип чыгып, каңкылардын калган жети уруусун жеңип алган. Мына ошондон улам, каңкы эли үрөйү учуп, ар кайсыл уруулары чочулоо менен күн көрө баштаган. Тайзу тыюучу, андан түштүккө карай черүүсүн жандырып, өтө зор көлөмдө аң уулоону баштайт. Ошол каңкы элинин тиричилик өткөрүүчү жер көлөмүн ал аңды курчап кармоо көлөмүнүн ичине киргизип, бардык атчандар кошуунун тегерете тизип, бүткүл эле аңдарды тосуп жөнөйт. Анын курчоосу жети жүз чакырымдан ашкан. Түрдүү илбээсин, кайберендерди тороп айдап, чогултуп отуруп кармаган. Кайберендерди мындай үркүтүп айдоо Пиңчиң калаасына чейин жеткен. Ошондо каңкы улут элине буйрук түшүрүп, хандын бүлөсү аңчылык кыла турган бугу аянтын жасаткызган. Ал аянттын түштүк жагы Тайынга чейин такап барса, түндүк жагы Улуу коргонго такалган, чыгыш жагы Байдыңды ичине алган. Батыш жагы Шисан тоосуна туташкан. Ошондон көп өтпөй, каңкы улутунун ичиндеги желге уруусунун баш кишиси Делжан өзүнүн тогуз жүздөй тукум-урук элин баштап келип биздин сулалага (Жуңгого) каранды эл болгондугун билдирген. Ордодон Делжанга сүрлүү сангун деген атак берип, анын башкаруусуна сардар, акылчы сыяктуу мансаптарларды коюп берген. Дагы ага 20 000 чейрек аштык бердирген. Ошондон соң каңкы улутунун ичиндеги чүбө уруусунун баш кишиси Бодужан дагы өзүнүн 30 чакты урук эли менен биздин сулалага эл болгонун билдирет. Ага да сүрү алыска жеткен сангун деген атак берип, алдына сардар, кеңешчи мансаптарларды коюп берет. Ага кийим-кечек, жылына белгилүү санда аштык бермей болот.

Жоржан улутунун селланы жеңилген соң, калды-катты урууларын жыйнаштырып, Чоң кумдуктун түндүк жагына көчүп барышып, каңкы улутунун жергесине оторлоп кирет. Каңкы улутунун когорсу уруусунун баш кишиси Пекилет селладан балаа келет: «Селла эми эле калды-катты элин чогултуп келди. Жоокер күчү алсыз, аттары аз, ушул кезде аны оңой алгалы болот» – дейт да, ошондон черүү камылгасын көрбөй эле, аны чабууга жоокер аттандырып, селла туруп жаткан урууга кирип барат. Каңкылар келер пайданы гана аңсап, андан боло турган көргүлүктү ойлоого үлгүрүшпөй кеткен болот. Алар жоржандарды чаап кирип, үйлөрүн ээлеп, катын-кыздарын зордуктап, өздөрүн эч камтамасыз деп, калың төшөктөрдө чиренип жатып калышат. Ошондо селла бийиктен бул көрүнүштөрдү карап турган, ал улутунан калган-каткан адамдан миңдейди чогултуп, күн таң атайын деп калганда акырын айылга кирип, чиренип жаткан тигилерди четинен башын кесип өлтүрө баштайт. Ошондо каңкылардын ондон экиүчү гана качып кутула алат. Пекилет ошол качкан бойдон улуу Вийдин ордосуна качып келет. Ордо ага Мыңду аталык деген атак берет. Пекилет мүнөз жагынан карапайым жөн адам болуп, баатырлыгы башкача, кан майданга кирсе анын колунан жоо соо кетпеген, ал бөлөк баатырларга окшобогон баатыр болгон. Ошондуктан түндүк жактагы адамдар балдары ыйлаганда, анын атын айтып коркутуп: «Тигине, Пекилет келе жатат!» – деп сооротот экен. Түндүк жактын бойго жеткен кыздары ырдаган ырларында: «Жакшы күйөө табам десең, Пекилеттейди изде» дешип ырдаган. Кара калк Пекилеттен мына ушундай айа кылчу экен. Пекилеттин дагы бир артыкчылык иши бар болуп, ал чөп сабагынан 50 тал алып, аны менен төлгө салып, жакшы-жамандыкты айтып бере алат экен. Ар жолу төлгөсү төп чыгып турат экен. Ошого падышанын кадырлашына жетишип алган, падыша аны аябай аздектеген. Кадыресе, анын уулу Катаңды ордого кызматка койгон. Пекилет өлгөндө Тайзу падыша аябай күйүт тарткан, аны мамлекет даражасында аза күтүп, сөөгүн узаткан. Өлгөндөн кийин ага «ак жүрөк хан» деген атак берген. Кийин падыша буйрук түшүрүп, сангун Йы Вийди 20 миң аттуу жоокер менен түндүк жактагы каңкы улутунун тарам уруулары уйгурлар менен упандарды чаптырып, аларды жеңип чыккан. Тайзу падыша такта олтурган кезде, чек арадагы уруулар ого бетер тарап тозгон. Жалгыз гана каңкы улуту өжөр, кара өзгөй болгондуктан, эч кимге мойнун бербей жүрүп, дагы бир тайпа эл болуп кала берген.

Кийин Шизу (падыша) жоржандарга черүү салып, аларды жеңген соң, ордого кайра келип, черүүнү Чоң чөлдүн түштүк жагына жөнөткөн. Алар каңкы улутун чыгыш жактагы урууларынан Жынаба деген өрөөндө дагы бар экенин, ал жерде адамдар жана мал аябай көп, өкүмөт кошууну турган жерден аралыгы миң чакырымдан көбүрөөк келе турганын угуп, сол кол жоокер башы Ан Йуан сыяктууларды жиберип, ал жерди чаап келүүгө камданат. Анда мекеме башы Сүн хан, буйрукчу бек Лыйу

Же сыяктуулар келип, аякка черүү жөнөтпөө жөнүндө акыл айтышат. Шизу падыша ага болбой, Ан Йуан сыяктууларды жиберип, анын колу жана жаңыдан эл болгон каңкы элинен болуп, түмөн аттуу кошуун курап, Жынаба өрөөнүнө черүү салат, каңкы улутунун ар кайсы урууларынан багынгандарынын саны 100 миңге жетет. Олжологон жылкы, уй, кой сыяктуу мал миллиондоп түшөт. Алардын бардыгын сүрүп, Чоң кумдуктун түштүгүндөгү курчоодо турган 100 чакырым жерге алып барат. Каңкы улутунун элдери бийик арабалар иштетишет. Алар жайыт, суу кубалап көчүп жүрүшөт. Төрт түлүк малы үзгүлтүксүз көбөйө берет. Канча жылдардан соң, ал улуттун адамдары акырындап эгин эгип, аштык алууну билип алышат. Ар жылы ордого тартуу тапшырып турушат. Ошондон баштап улуу Вий сулаласында жылкы жана уй, койлордун баасы төмөндөйт. Кийиз, терилер аябай көп чогулат. Гавзуң падыша такта олтурган кезде, каңкы улутунун беш чоң уруусу чогулуп түлөө өткөргөн, ал түлөөгө катышкан адамдардын саны нече түмөнгө жеткен. Ал чогулушта элдер байге чаап, мал союп, төгөрөктөргө бөлүнүп ырдап, бийлеп, аябай оорактанган, кубанган. Ошол жердеги элдердин айтымына караганда, тарыхта мындай зор чогулуш болуп көрбөгөн экен. Как ошондо падыша да ошол жерде болгон. Ал улут эли андан эч качан убайым жебеген. Кийин Гавзу падыша каңкы улутунун адамдарын чогултуп келип, падыша менен бирге түштүк жакка черүү салууну буйруган. Каңкы эли түштүккө черүү салууга ынабаган. Алар уйгур Шожаны баш билги көтөрүп, түндүк жактагылары менен биригип, Вий сулаласы өкүмөтүнө каршы көтөрүлгөн. Бейбаштык кылып, улуу Вий падышаларынын көрүстөндөрүн тебелеп кирген. Андан Йү Винпу тутук кол баштап чыгып согушкан. Бирок жеңилип калып кайра келген. Падыша түндүктү тынчытуучу сангун, жаңйаң беги Йуан Жыны тутук башы кылып, согушка аттандырган. Жаңйаң беги Йуан Жы алды менен уйгур Шожыга элчи жиберип, ал-абал сураткан. Уйгур Шожы жоржан элине кошулуп алган, көп узабай ал кылган иштерине өкүнүп, колун баштап келип биздин сулалага багынган.

Каңкы бул тайпа дагы 12 урукка бөлүнгөн: биринчиси – чыбыл, экинчиси – тула, үчүнчүсү – итан, төртүнчүсү – талан, бешинчиси – куртка, алтынчысы – табаган, жетинчиси – алун, сегизинчиси – байун, тогузунчусу – ай пон, онунчусу – пубургур, он биринчиси – курбан, он экин чиси – ошуп деп аталат. Илгери пубургур уруусу жоржандардын карамагында жүргөн болчу, Долон баш болуп турган кезде, жоржандар ичинен бузулуп ыдырашат, уруулары тозуп тарайт. Пубургур уруусунун баш кишиси Абожоро деген адам өзүнүн абасынын уулу Чоңчу экөө ар кимиси өз алдынча каңкы улутунун жүз миң түтүнүн башкарып калат. Тайкы жыл санагынан 11-жылы (487-жылы), Долон улуу Вий сулаласынын чебине чабуул жасайт. Абожоро сыяктуу кишилер ага насаат айтса да, Долон болбой каарланып, өзүнүн кошуунун баштап, батыш жактан көңтөрүш жасайт. Кошууну батыш түндүккө жетүүсү менен, ал өзүн хан деп такка олтурат. Ал уруунун эли аны «Улуу бек» деп атайт. Бул Вий сулаласынын адамдары айтып жүргөн улуу Көкө теңир уулу деген мааниде болгон. Чоңчуга «Улуу бий» деген атак берет. Бул Вий сулаласы адамдары айткан «баатыр жигит» деген мааниде экен. Ал экөө өтө ынтымакта өтүшүптүр. Элди бөлүп башкарыптыр. Абожоро түндүк жакта туруптур. Чоңчу түштүктө жашайт экен. Долон кол жиберип аларга соктугат. Көп жолу Абожородон жеңилип калат. Ошого элин баштап чыгышка карай ооп кетет. Тайкы жыл санагынын 14-жылы (490-жылы), Абожоро өзүнүн уруусундагы мансаптарын ордого элчиликке жиберет. Эки тал жебени ордого тартууга жиберет да, мындай айттырат: «Жоржандар болсо улуу Вий сулаласынын Теңир уулунун чыккындары, мен болсом ага насаат айтып, угуза албадым. Ошого ал чыккындык кылып ошол жерге барып, өзүн кожо кылып алды. Мен теңир уулунун аларды чаап алып жоготсо экен деген бекимге келип жүрөм», Гавзу падыша Абожоронун бул сөзүнө ишенип койгону жок. Элчи жиберип, анын чын-төгүнүн байкатып көрөт. Абожоро менен Чоңчу ал барган элчилерге, өз элчилерин кошуп жиберип, ордого тартуу берген. Жергиликтүү түшүмдөрүнөн соогат жиберген. Гавзуң падыша тышкы иштер боюнча беги Кисогун аксакал дагы бир жолу каңкыларга барууга буйруп, Абожоро менен Чоңдунун ар бирине саймалуу ат, үстүндө кие турган торко кийимден бирден, ар түстөгү жибек кездемеден жүз тактайдан ала барууну тапшырган. Чоңчуну кийин абыдалыддер мамлекети жагынан өлтүрүп кеткен. Анын уулу Миңотор да туткун болуп калган. Ага караштуу уруу эли бүт тозуп кеткен. Кээлери биздин сулалага келип кошулган. Кээлери жоржандарга качып кеткен. Жасоол сангун, Йүлынжан бакылоочу миң вийге падыша буйрук берип, багынган каңкы элин чогултуп, орун-очок алдырууга жиберген. Аларды Гавпиңжиң калачагына конуштандырууну тапшырган. Абожоронун улуу уулу Абожоронун кичи катынына жаңылып, Абожоронун өзүнө кастык санайт. Абожоро аны туюп калып өлтүрөт.

Абожоро ошондон кийин өтө каардуу, аёосуз болуп, кыялы өзгөрөт. Адамдардын көөнүнө аябай жакпас болуп кетет. Көпчүлүк козголуп, аны өлтүрөт да, аны менен тектеш киши Баргыйанды такка олтургузушат. Бир жылдан соң, Абыдалиддер мамлекети каңкы элине ча буул жасайт да, Миңоторду жеткирүүгө камданат. Ошондо каңкы эли өздөрү Баргыйанды өлтүрүп, Миңоторду тосуп алышып, аны баш кишичиликке коюшат. Миңотор такка олтургандан кийин, биздин сулалага элчи жиберип, тартуу берген. Дагы мактоо катын жиберип, урмат менен бир томолок алтын, бир томолок күмүш, эки алтын таяк, жети ат, он төөнү соогат тарткан. Падыша элчи Моруктандан Миңоторго түрдүү-түстүү шайы кездемеден 60 тактай жиберткен. Шизу падыша кат жөнөттүрүп: «Сен алыскы Чоң кумдуктун ары жагында туруп жатасың, ошентсе да сулалабызга көп ирет өзүңдүн ак жүрөктүгүңдү билдирип турдуң, өзүңдө баштан бойго ак жүрөктүк адал нээт келе жатат. Биздин сулала сага бөтөнчө сыйлык берүүгө туура келет. Жоржандар, абыдалыддар, туйугундар өз ара бар-келдиде болуп жатат. Алардын бардыгы Идикут жолу аркылуу каттоо жасашып, бир-бирине баш калкалаша турган ымала куруп алышты. Бүгүнкү күндө Идикут биздин сулалага караган кези, биз өз ара элчи жиберишип, барды-келдиде болуп жатабыз. Ал эми жоржандар болсо, барды-келдини үзүп, жолго бөгөт боло турган күч болуп турат. Биздин сулала андай кичинекей барча немелердин чабуул жасап, сулалабыздын элчилерин өткөрбөй тосуп аларына тегеле ынабайт. Бул кылмышын жөн өткөрүп жиберүүгө болбойт» – деп айтат. Миңотор ошону менен көп узабай эле жоржандардын мамлекет ээси Пото менен Барыс көлүнүн түндүк жагында согушат. Пото жеңилип, батышты көздөй 300 чакырым жерге качып барат. Пото убактылуу Ыбыркол коосунун түндүк жагына конуштана турат. Мурда Идикут ханы Чүй Жа өтүнүч жазып, ичкериге көчүүнү суранган экен. Шизуң падыша Миң Вий сангунду аны көчүрүп келүүгө жөнөтөт. Ал Ыбырколго барганда, жоржан эли Миң Вийдин жоокерлерин көрүп эле аябай коркушат да, көчө качышат. Миңотор жоржандар үркүп качып жүрөт дегенди угуп, соңунан черүү салып, аларды жеңип алат да, Барыскөлүнүн түндүк жагында Потону өлтүрөт. Анын чачын кесип алып, Миң Вий сангунга тапшырат. Миңотор дагы элчи жөнөтүп, аргымак аттан төрттү, алтын, күмүш, суусар териси сыяктуу дүйүм жерлик буюмдан тартуу жиберет. Падыша ал тартууларына ыракмат кайтарып, Дуңчиң уулу Йу Лийаңды Миңоторго жиберип, ага бир күү аспабын күүчүлөрдөн 18 адам, кызыл торкодон 10 тактай, түрдүү-түстүү жибек кездемеден 60 тактай жөнөтөт. Миңотор дагы өзүнүн вазири Үкөн Капанды элчиликке жөнөтүп, жергиликтүү түшүмдөрүнөн тартуу жеткирткен.

Сузоң падыша такта олтурган алгачкы кезде Миңотор жоржандардын баш кишиси Чоно менен согушуп, андан жеңилет да, Чоного кармалып калат. Чоно аны эки бутунан азоо аттын белине байлап, бир кыйла жерге сүйрөтүп тарпын чыгарып өлтүрөт. Анан анын башын кесип алып, баш сөөгүн сырдатып, кесе жасатып, суусундук ичме кылып коёт. Миңотордун эли Йүңйүң Абдалыд мамлекетине качып өтүшөт. Бир нече жыл өткөн соң, абдалиддер Миңотордун иниси Ибекти мамлекетине кайра алып келет. Ибек каңкы мамлекетин калыбына келтирген соң элчи жиберип, биздин сулалага жагдайын билдирет. Падыша Көкө сыяктуу адамдарды каңкыга элчиликке барууга буйруп, Ибекти «батышты тынчытуучу сангун, батыш деңиз жакта курулган мамлекеттин аталыгы, каңкы ханы» деген мансапка коёт. Ибек дагы жоржандарды талкалайт. Жоржандын баш кишиси Бороман качып, Лийаңжу аймагына кире качат. Жыңгуаң жыл санагы мезгилинде (520–524-жылдарда) Ибек элчи жиберип, ордого тартуу тапшырган. Арийне, ордодон суранып, кызыл сүрөт түшүрүлгөн адам тарта турган арабадан бирди, көпчүк, жаздыгы менен арабага чеге турган кайыш жабдыктан бир сыйра, чүмкөй турган күндүк жана арабада желпине турган желпигичи менен көк чоюлма араба чапкычтан бешти, кызыл сыр менен сырдалган араба желпигичтен бешти, доолбас жана кернейден он жүрүш берүүнү сураткан. Падыша буйрук берип, айткан саны боюнча бердирген. Кийин Ибек жоржандар менен согушуп, алардан жеңилип кайтып келет. Ошондо өзүнүн иниси Жөкө Ибекти өлтүрүп, өзү такка олтурат. Тийанфын жыл санагы кезинде (534–537-жылдары) Жөкө жоржандардан согушта жеңилип калат. Анда Ибектин баласы Беше Жөкөнү өлтүрүп, өзү такка олтурат. Шыңкы жыл санагы кезинде (539–542-жылдары) Беше да жоржандардан жеңилип калат. Жөкөнүн уулу Чобон жоржандардан качып, биздин сулалага кирет. Чышан Ву ханы чет жакадан келген ар кайсы улуттарды кабылдап турат. Ал падышага жолдомо жазып, Чобонду каңкылардын ханы деген мансапка койдуруп, түндүктү бейпил алып турган сангун, Сыжу аймагынын беги деген атактарды бергиздирет. Көп узабай Чобон оорудан кайтыш болот.

                                        ТҮНДҮК СУЛАЛА ТАРЫХЫ

Түзгөн Ли Йаншу

Бул тарыхта түндүк Вий сулаласы менен Сүй сулаласынын тарыхы баяндалган. Жалпы 100 ором болуп бүткөн.

Бул тарых 618-жылдары жазылган.

Мында «Түрктөр баяны» берилген болуп, кыргыздардын теги жөнүндө баяндар айтылат.

                                  Түндүк сулала тарыхы 99-ором Жөн баян – 87

ТҮРКТӨР

Түрктөрдүн ата-бабалары батыш деңиздин оң жагында (батышында) өзүнчө бир уруу аталып келет. Хондордун дагы бир тукуму эсептелет. Булардын тек аты Асана болгон. Кийин аларды коңшу мамлекети кыйратып кетет. Ошондон он жашар бир баланы жоонун жоокерлери жаш экен, өлтүрбөйлү деп бутун, колун кесип мунжу кылып, чөпканага ыргыта салып кетишет. Аны бир бөрү эт менен багып алат. Ал эр жеткенде ошол канчык бөрүгө жаңылып коёт да, ал бөрү боозуп калат. Баягыл жоо жактын ханы ошол баланын али тирүү экенин угуп калып, аны кайра өлтүрүп келүүгө черүү жиберет. Ал өлтүрүүчү черүүлөр барса, бөрү менен бирге турган экен. Алар бөрүнү кошо өлтүрмөк болгондо, как ошол учурда кандайдыр бөрүнүн бир колдоочусу көмөк берет да, батыш деңиздин сол жагына (чыгышына) чеңгелдеп ыргытып жиберет. Ал Ийдикут мамлекетинин батыш түндүк жагындагы бир тоого барып түшөт. Ал тоодо бир жайлуу үңкүр бар экен да, үңкүрдүн ичинде түздүк жер, өсүмдүктөр чүйгүн өскөн жашыл жайыт бар экен. Кеңдиги 100 чакырымдап жаткан төгөрөгү тоо менен курчалган жайлуу жер болот. Бөрү ошол жерди уюктап алат. Ошону менен он уул тууйт. Он уул бойго жеткен соң, бөтөн жерден үйлөнүшүп, ар бири бирден тек аттуу уруу болуп кетишет. Асана мына ошолордун бир уруусу болуп, ал өтө туштуу чыгат да, алардын баш кишиси болуп калат. Ошого алар жоокер кошуунун капкасына бөрү түшүрүлгөн туу сайып алышат. Себеби тегин унутпоо экен. Ошондон агарып, көгөрүшүп, жүздөгөн тукум эл болот. Көптөгөн жылдарды өткөргөн соң, алардын ичинен Акын шад аттуу бирөө элин баштап, ал үңкүрдөн чыгып, жоржандарга эл болуп алышат. Улук Йапку заманына келгенде түркү аталган бул эл күч ала түшөт. Түндүк Вий сулаласынын соңку жылдарына келгенде (534-жылдары) Илик хакан деген бирөө кол баштап чыгып, телелерди (төөлөстөрдү) чабат. Телелер жеңилип, 50 миңден көбүрөөк түтүн эл аларга багынды болуп берет. Андан барып жоржандардын (баш кишисинин) ээсинин кызына жуучу айттырат. Жоржандардын ээси (баш кишиси) Анагы аны угуп аябай ардыгып, элчи жиберип Илик хаканды иттей сөктүрөт. Анда Илик хакан баягыл барган элчилеринин башын алып салат да, черүү баштап чыгып, жоржандарга дүмөк салып кирип, жоржандарды жеңет. Илик хакан өлгөн соң, анын иниси Ай хакандык такка олтурат. Ал дагы жоржандарды чаап турат. Ай хакан ооруп, өлгөнү калган кезде өзүнүн уулу Шатайды хандык такка отургузбай, иниси Иркинди такка олтургузат. Ал Мукан хакан деп аталат.

Дагы бир айтымда, түрктөрдүн түбү пиңираң аралаш гуздардан болуп, алардын тек аты Асана болгон. Вий Тайу падыша жүрчүштөрдү ойрондогондо Асана 500 түтүн элин алып жоржандарга кире качат. Ошону менен кылымдар бою Алтын тоонун түштүк жагында жашап, жоржандарга темирчи уста болушуп көп күн көрүшөт. Алтай тоосунун кебетеси туулга сымал болгондуктан, адат боюнча «туулга» деген сөз «түрк» айтылып кетиптир да, ошондон улам түрк алардын наамы болуп калган имиш.

Дагы бир айтымда, түрктөрдүн түбү Сак мамлекетинен чыккан экен. Алар хондордун түндүк жагында экен. Бул элдин баш кишиси Абам бек болуп, 70 бир тууган экен. Анын ичинде бирөө Игил Нышачоро аталат. Ал бөрүдөн туулган имиш, Абам бек сыяктуулар акылсыз чыгышыптыр да, мамлекетин ойрондоп алыптыр. Анан баягыл Нышачоро бөтөнчө жөндөмдүү чыгып, жайчылык жөндөмү менен шамал чакырып, жаан жаадыра алат экен. Ал эки катын алыптыр. Бирөө жай пиринин кызы, бирөө кыш пиринин кызы экен. Бир катыны бир курсак көтөрүп, төрт бала эгиз тууптур. Ал (эгиз) баланын бирөө ак кууга кубулуп кетиптир. Дагы бирөөнүн мамлекети Абакан суусу менен Кем суусунун арасында экен да, алар кыргыз (* ) деп аталыптыр. Дагы бирөөнүн мамлекети Чулум суусунун боюнда, дагы бирөө Башчулум тоосунда жашайт экен. Мунусу алардын улуусу имиш. Ал тоодо Абам бек тукумдары жашаган жер имиш. Адамдары үшүп-тоңуп, ач-жылаңач күн көрүшчү экен. Баягыл улуу уулу аларга от таап келип жылытып, аларды асырап багып калыптыр. Ошону менен алар телегейи тегиз жыргап калышат имиш. Ошого алар баары аны урматтап, ээ тутунуп калыптыр да, аны «түркүк» дешип атак бериптир. Болбосо анын аты Нур түрк шад экен. Түрктүн он катыны бар экен. Алардан төрөлгөндөрдүн бардыгы эне жагын тегин өздөрүнө тек ат кылып кетишиптир (эне жагын атайт экен). Асана кичи катындын баласы имиш. Түрк өлгөн соң ошол он катындан болгон балдардын бирөө анын ордуна отургузмак болушат. Алардын баары бир чоң теректин түбүнө чогулушуптур да, кеңешип: «Бул теректин башына карай секирип көрөлү, ким бийикке секирип чыкса, ошону хандык такка отургузалы» дешиптир. Асана жашы кичи болгону менен ал эң бийикке чыгыптыр. Ошого берки балдар да ынанып, аны ээ тутунуп алып, атагын Акын шад деп атаптыр. Мында айтылган айтымдар окшош болбогону менен, бирок алардын түбү бөрүнүн тукумунан болуп чыгат экен.

Асанадан кийин Түмөн такка отуруптур. Эли уламдан улам карууланып, жалчый баштап, чек арага чейин келип, буулум сыяктуу соодаларды алып кете баштайт. Жуңго менен барды-келди жасоону самайт. Батыш Вий сулаласынын Датуң жыл санагынын 10-жылы (545-жылы) Жо Винди падыша гуз элинен болгон Анруфанто деген кишини түрктөргө элчиликке жиберет. Ал барган соң түрк мамлекети куттукташып: «Бүгүн улуу элден элчи келип олтурат. Мындан ары жарып-жалчып кете турган болдук» дешип кубанышат. Датуң жыл санагынын 12-жылы (547жыл) Түмөн батыш Вий сулаласына элчи жиберип, жергиликтүү буюмдарын тартуу кылган, ошол кезде телелер (төөлөстөр) жоржандарды чаап алууга камданып жаткан кез болот. Ошондо Түмөн кол баштап чыгып, алардын чабуулун жапырып, телелерди жеңип чыгат. Телелердин 50 миңдей түтүнү бүт ага багынып берет. Түмөн өзүн кудуреттүү самап, жоржандардын ээсинин (баш кишисинин) кызын алууга жуучу жиберет. (Алардын ээси) Анагы ага аябай ардыгып, атайын элчи жиберип, Түмөндү мындай сөктүрөт: «Сен өзүң ким элең, тек менин гана темирчи кулум эмес белең, жуучулук айтты рууга кантип батылың барды болду экен, ит?» Аны уккан Түмөн аябай каарланып, жоржандардын ал элчилерин өлтүртүп салат да, жоржандар менен байланышын үзүп таштайт. Ошону менен Вий сулаласынан кыз алууга жуучу жөнөтөт. Жо Винди падыша Түмөн жиберген жуучулардын кулдугун кабылдап, куда болууга ынайт. Датуң жыл санагынын 17-жылы (551-жылы) 6-айда Вий сулаласынын баш кишисинин ханыш кызы Кубанышбүнү Түмөнгө берет. Ошол жылы Вий Винди падыша кайтыш болот. Түмөн аза күтүп элчи жиберип, 200 жылкы айдатып, карасын түшүрөт. Батыш Вий сулаласынын Пий Ди падышанын жыл санагынын башкы жылы (552-жылы) баш айда, Түмөн черүү баштап, жоржандарга чабуул жасайт. Хуайхуңдын ыңдын түштүгүндө жоржандарды жеңип чыгат. Анагы өлүп алат. Анын уулу Жанрчын түндүк Чи бектигине качып кетет. Алардын кара калкы Анагынын абасы Теңчукөздү баш киши кылып алышат. Ошону менен Түмөн өзүн Илик хакан деп атайт. Бул илгерки Теңиркут даражасы менен тең болот. Анын аялын катын деп атайт. Ал илгерки ханыш менен тең даражада болот. Анан ал Чи бектиги менен элчи жиберишип, барды-келди жасашат.

Түмөн өлгөн соң, анын баласы Кара такка олтурат. Кара өзүн экинчи хакан деп атайт. Ал дагы Хоорайдын түндүгүндө Мура тоосунда Теңчүкөздү жеңип чыккан. Кара өлөр кезинде өзүнүн уулу Шатону такка отургузбай, кадыресе, өзүнүн иниси Иркинди түрктөрдүн ээси кылып такка отургузган. Бул Мукан хакан эле. Иркиндин дагы бир аты Жанчор болчу. Анын кебетеси шумдуктуу болуп, бетинин жалпактыгы карыш жазкыйып, өңү кыпкызыл, көзү ичинен айнектей жаркырап турчу экен. Өзү абдан сүрдүү келип, согушта алдына келгенин мойсоп салма баатыр экен. Акыл айласы толуп турган, согушту укса кубанып турчу экен. Ал колун баштап чыгып, Теңчүкөзгө дүмөк салып, аны жеңип алат. Теңчүкөз калды-катты элин алып, батыш Вий сулаласына кире качат. Иркин дагы батыш жагындагы абдалыддарды жеңет. Чыгыш жагында кидандарды жеңип алат. Түндүк жагындагы кыргыздарды кошуп алат. Теги чек аранын тышындагы барча мамлекеттерди коркутуп-үркүтүп, багынууга кыстайт. Түрктөрдүн жери чыгыш жагы Лыйавхай деңизинин батышынан тартып, батышы Шихай деңизине чейин узундугу түмөн чакырым келет. Түштүк жагы Чөлдүктүн түндүгүнөн, түндүк жагы Түндүк деңизге чейин, кеңдиги 5–6 миң чакырым келе турган жерлердин бардыгы түрктөргө карайт. Жуңго менен теңтайлаш турган. Кийин батыш Вий менен бирге батыш Чиге ча буул жасап, Биңжу аймагына жете барган.

Түрктөрдүн салт-санаасы: чачтарын өрбөй далы ортого жаба ташташып жүрөт. Кийим өңүрүн сол жакка бүчүлөнөт. Турагы шоңшогой тигилген ак боз үйлөрдө турушат. Жайыт-сууга карай оторлоп көчүп мал багышат. Мал багуу, аң уулоо аларга күнүмдүк жумуш, жегени эт, ичкени кымыз. Кийгендери жүн, териден жасалат, же бөздөн болот. Карыгандарын тоотушпайт. Жаш, күчкубаттууларын аздектеп кетишет. Уят-сыйытты анчейин карманып кетпейт. Каадасы жок. Как эле илгерки хондор сыяктуу адамдар болот. Баш кишисин хан көтөргөндө, тууган-уруктары менен жакын нөкөрлөрү аны тегеректеп турат да, аны арабага чыгарып, үстүнө кийиз жаап, күн айлануу жагына карай тогуз тегеретет. Ар бир айланып келгенде, нөкөрлөрү бирден жүгүнүп турат. Жүгүнүп болушкан соң аны жөлөп түшүрүп, атка колтуктап мингизет. Кездеме оромолду анын мойнуна чалып, кылкынып кетпегидей абалда муунта тартат да, кайра коё берип өтө ылдам: «Сен канча жыл хакан болосуң?» – деп суроо коёт. Ал баш киши бир кыйла эсин жоготуп алат да, канча жыл дегенди так айта албай калат. Анда анын жан кишиси ал айтууга тийиштүү болгон анын такка отура турган мезгилдин узун-кыскалыгын жоруп коёт. Алардын улуу мансаптары: йапку, андан соң – шад, андан кийин – тегин, андан соң – элтебир, андан кийин – түтүнбашы сыяктуулар болот. Кенже мансаптарлары 28 даражада болот. Аны ар бир доорго карай коё алышат. Жоокердик жарактарынан: жаа, ышкырма жебе, калкан, найза, канжар, кылыч. Белдерине дайыма кисе байланып жүрүшөт. Тууларынын бетине алтын сарыдан бөрүнүн башын саймалап түшүрүшүп алат. Жоокерл ери аны «бөрү» деп айтышат. Ханзу тилинде «лаң» (* ) болот. Жоромол менен түрктөрдүн түбү бөрүдөн чыккан окшойт да, түбүн унутпоонун белгиси катары ошентип алышса керек. Алардын өзгөчөлүгү – ат үстүндө баратып жаа тартканы, мүнөздөрү каарлуу болгону. Жазуусу болбойт. Жоокерлерин ат унааларын чогулткандагы эсепти салык төлөө эсебин, малынын эсебин жыгачка берчеп коюп санын билишет. Бир алтын октуу жебени, шам менен жасалган (мум) мөөрдү күбөлүк кылып урунушат. Мөрт күтүп турушуп, дароо дүмөк салып карактап алмайлары бар. Алардын жаза-жосуну: чыккынчылык кылган, адам өлтүргөн, бирөөнүн катынына зордукчулук кылгандарды, жылкы уурдагандарды өлүмгө өкүм кылышкан: заныкорлук кылгандардын жан жерин кесип, белин кыя кесип койгон. Бирөөнүн кызына зордукчулук кылып койсо, ага оор калың салып, ошол кызды катын кылып алууга буюрган: адамды уруп жараландырса, жарадар болгондун оор-жеңилдигине карай айып төлөткөн: бирөөнүн көзүн майып кылып жаралатса, айыбына кызын берген. Кызы болбосо, катынын, мүлкүн төлөгөн. Бирөөнүн денесин жараландырса, жылкы айып коюлган: жылкы уурдаганга жана башка мүлк уурдагандарга он эсе эсептеп айып төлөткөн. Өлүмдөгү салты: өлүктү ак боз үйдүн ортосуна коёт да, бала-бакырасы, тууган-уруктары, мейли, кыздар болсун, уулдар болсун, баары бирден кой же жылкы союшуп, аны ошол өлүк койгон ак боз үйдүн алдына алып келип жайып коюп кара ашын берет. Бала-бакыра, жакындары баары атчан ал үйдү жети айланып чаап келет да, ар бир эшиктин алдына келгенде, бычак менен беттерин тилип, тилгенче өкүрүп, чыңырып ыйлаганча жүрүшөт. Анда жерге кан менен жаш аралаш агып турушу керек болот. Ушул эле абал жети жолу кайталанат. Андан соң күн оңоп (күн тандап) ал өлгөндүн тул атын, тул буюмдарын, кийим-аягын өлүк менен бирге өрттөшөт. Күлүн чогултуп алып, маалына толгондо анан бейитине көмүшөт. Жаз, жай өлгөндөр болсо, аларды жалбырак түшүп, чөп саргарган маалда, күз-кыш өлгөндөрдү чөп чыгып кулпуруп турган маалда анан көр казып көмүшөт. Көргө көмгөн күнү да бала-бакырасы, жакындары атка минип, үй тегеренип чаап, бетин тилип, баягыл эле өлгөн күнкү өлүм зыйнатына окшош аракеттерди жасап, ашын беришет. Андан көмүлгөн жерге бейит кылып, топо үйөт. Анын үстүнө күмбөз салдырып, күмбөздүн төрүнө өлгөндүн сүрөтүн сыздырып коюшат. Ал сүрөтү тирүү кезинде согушка катышып турган кебетеде болот. Ал эми согушта бир адам өлтүргөн болсо, бир тул таш тиктеп, көптү өлтүргөн болсо, жүз миңдеп тул таш коборуп белгилешет. Ашына союлган кой, жылкынын баштарын мамынын башына илип коюшат. Ошол күнү (соңгу көмгөн күнү) эркек, ургаачыларынын бардыгы бажоо кийинишип, ошол өлгөндүн бейитинин алдына чогулушат. Андан уулдар кыз сүйүп калса, үйүнө барган соң жуучу жибертип, кулдук түшүрөт. Андай күнү кыз жактын ата-энеси да көбүнчөсү кулдукту кабыл алат. Атасы, агасы, абасы өлгөндүн баласы, иниси, агийиндин балдары сыяктуулар өгөй энесин, абасынын катынын, жеңесин ала берет. Тек кадырман адамдары өзүнөн төмөн даражадагы адамдардын катындарын алышпайт. Тура турган жерлери дайыма көчүп жүрүү менен болсо да, ар кайсынын өзүнчө ээлеген жерлери болот. Хакан бир жолу эле өтөгөн тоосуна конуштанган болуп, анын ордосунун капкасы чыгышты каратылып салынган. Анысы күн чыккан жакты аздектеп, жаткан ырасмысы болгон түрү бар. Хакан ар жылы мөөтабарларын баштап, ата-бабалары турган илгерки үңкүргө барышып, түлөө өткөрүшөт. Дагы теке айынын (5-айдын) орто ченинде эли чогулуп барып, сууга тооп кылып, суу пирине түлөө өткөрүшөт. Өтөгөн тоосунан батыш жакта беш жүз чакырым аралыкта бир залкар тоо (Чилтен тоо) бар. Анда эч кандай өсүмдүк болбойт. Аны «Баба теңири» деп аташат. Жуңгонун тили боюнча, «пир, колдоочу» болот. Алардын кат жазгандары гуздардыкына окшойт. Жыл эсептөөнү (календарчылыкты) билишпейт. Жылды өсүмдүктүн өңүнө карай белгилешет. Эрлери топ ойнун жакшы көрөт. Ургаачылары топ тээп ойношот. Кымыздан үлүш ичишип, алакүү болуп алышып, ырдашып ойнойт. Жин кууган пирлерди кадырлайт. Бакшыга ишенишпейт. Согушта өлгөндөрдү ардактап билишет. Ооруп өлгөндөргө арданышат. Салт-санаасы хондорго негизинен окшойт.

Иркиндин эли ирденип калат. Жуңгого элчи жиберип, Теңчүкөз сыяктууларды өлтүрүп берүүнү суранат. Жо Винди (падыша) анын суранычын кабылдап, Теңчүкөздүн үч миң адамын кошуп кармап, Иркиндин элчилерине тапшырып берет. Алар Чыңмын капкасынан чыккан соң эле алардын бардыгын кырып салат. Батыш Вий Гуңди жыл санагынын 3-жылы (556-жылы) Иркин туйгун элине дүмөк салат да, туйгундарды жеңип алат. Жов Миңдинин 2-жылы (558-жылы) Иркин элчи жиберип, туткундарды тартуу кылат. Бав Диндин башкы жылы (561-жылы) дагы үч элчи жиберип, Жов сулаласы ордосуна жергиликтүү түшүмдөрдөн тартуу кылат. Ошол кезде Жов сулаласы менен түндүк чилер согушуп жаткан кез болот. Нече жылдап согуш үзүлбөйт. Ошого түрктөр менен биргелешүү аркылуу тышкарынын көмөгүн керек кылат. Ошол кездерде батыш Вийдин Гүңди кезинде, Иркин кызын Жо Винди падышага берүүгө ынаган экен. Ал жөнүндө токтомго келе элек кезде, Жо Винди кайтыш болуп кетет. Көп өтпөй эле Иркин бөлөк бирөөнүн кызын Жов Вуди падышага берүүгө макул болот. Анын калыңын ала электе, Чи бектигинен жуучу келип, түрктөргө куда болууну айтат. Иркин алардын калыңдыктарын алууга нээттенип, тигилерден айныйын деп калат. Как ошол кезде, Жо Вуди падыша Лийаңжу аймагынын башчысы Йаң Жийан, жасак башы Ваң Чың сыяктуу адамдарды түрктөргө барып элдешип келгиле деп буюрат. Ваң Чың сыяктуулар түрктөргө барып, Иркинге чыныгы ишенимдерин түшүндүрөт. Ошону менен Иркин Чи бектиги менен жана алардын элчилеринин барды-келдисин түзөт. Кадыресе, Жов сулаласы менен куда болот. Иркин эчактан бери оюнда жүргөн Жов менен бирге чыгышка, Чи бектигине кол тартуу талабын коёт. Ага да Жо Вуди падыша ынанып, Сүй аталыгы Йаң Жунга түмөн черүү баштап чыгып, түрктөр менен бирге Чи бектигин чаап келүүгө буюрат. Йаң Жундун колу Шыңлың кыраңынан ашкан соң, Иркин 100 миң аттуу кошуунун баштап келип кошулушат. Кийинки жылы баш айда Чи бектигинин беги турган Жыйаңга дүмөк салып кирип, аны ала албай калат. Иркин черүүсүн бейбаш баштап, чачылып, тозуп кетет. Йаң Жуң келип, Жов Вудыга: «Түрктөрдүн каруу-жарагы мажес, сыйлыгы аз, жазасы жеңил, кол башчысы көп болгон менен буйругу өтпөйт экен. Мындайларды бой сундуруу кыйын деп кандайынча айтылган болду экен? Мурда бизден барган элчилер аларды аябай күчтүү деп айтып келишкендери белгилүү окшойт. Алардын напсиси тигилердин элчилерине бизден көптөп белек берсе, кийин өздөрү барганда да ошондойго ээ болобуз дегенди көздөп жанагинтип мактай берген өңдөнөт. Сулалабыз (бийлигибиз) алардын ошондой бош сөздөрүнө ынанып калып, анан биздин кол башчыларыбыз менен жоокерлерибиз алардан коркуп жүргөн тура. Жоо жак (түрктөр) көрүнүшү каруулуудай болгону менен, иш жүзүндө анчалыгы жок экен. Менин баамымда, бизден алды-кийин болуп барган бардык элчилердин башын алуу керек» деген сунушту айтат. Жо Вуды анын сунушун кабыл көрбөйт. Ошол жылы Иркин дагы элчи жиберип, тартуу жеткирип, чыгышка кайра кол тартуу суранычын айттырат. Падыша дагы коолу түшүрүп, Йаң Жуң кол баштап окуяга (хоорайга) чыгуу, Жинин аталыгы Худе Лойаңдан алдына тосо чыгууну буюрат. Худе согушта жеңилип калат. Анда Иркин да майдандан кайра тартат. Бавдың жыл санагынын 5-жылы (565-жылы) падыша коолу түшүрүп, Чын аталыгы Чүндү, баш ордо беги Йүвиңгүй, башкы жасакчы Дуйи, түштүктү тынчытуучу аталык Йаң Жаң сыяктууларды кулдук урган (түрк) кызды көчүрүп келүүгө жөнөтөт. Тийаны жыл санагынын 2-жылы Иркин дагы тартуу берген Чын аталыгы Чүн сыяктуулар келгенде, Иркин Чи бектигинен дагы эле күдөр үзө элек экен. Ошол күндөрдө күн бузулуп, чагылган чагып, күн күркүрөп, алаамат болуп кеткен. Ал кызын Чүн сыяктуу келген куда жакка кошуп берүүгө ынаган. 4-жылы Иркин дагы элчи жиберип, тартуу берген.

Иркин өлгөн соң, баласы Тарону такка отургузбай, иниси Табаны хакандыкка отургузат. Таба агасы Шатону Үрпү хакан деп атап, чыгыш жактын бийлигин ага берет: иниси Орунтан хаканды Бөрү хакан деп атап, батыш жакты ээлеткен. Иркин кезинен баштап эле, бул мамлекет байып, карууланып кеткен. Ошого алар Жуңшалыктарды (Жуңго) чендеп жүргөн. Ордобузда алар менен куда сөөктүк байланышты улам чыңдап, жылына буулум-торко кездемеден 100 миң тактайдан берип турган. Астанада турган түрктөр аябай сыйланган. Кийгендери буулум, жегендери эт болуп турган. Астанада ушундай миңдеп адам баарланып турган. Чи бектиги да алардын ушундай сугалактыктарынан коркуп, казыналарын какшытып салчу экен. Алардын баш кишиси Таба өтө дымактуу неме экен, ал нөкөрлөрүнө мындай дептир: «Менин түштүктөгү эки уулум эле күйүмдүү болот экен, эмнем кем болот эле?» Чи бектигинин эшик агасы Хуй Лин деген адамды түрктөр туткунга алып барыптыр. Анын себеби Таба мындай деген: «Чи бектигинин жалчып кетүүсүндөгү бир иш, алар Будда дин жолун бекем карманган». Жанакы адамга себеп, тагдыр, жакшылыктын сообу сыяктуу жүйөлөрдү айттырып көрөт. Таба буларды уккан соң, ага ишеним байлайт. Анан топкана салгызат. Чи бектигинен элчи чакыртып келип, «Жиңмиң – аруулук» «Нийе Руан – уяттуулук», «Хуайан – чечкиндүүлүк» сыяктуу талматтарды сурап билет. Кадыресе, «Он эрежени үйрөтөт. Таба ооз бекитип, парыз тутунган. Мунара тегеренип сыйынган. Ал ичкериде туул уп калбаганына өкүнгөн. Жанды жыл санагынын 2-жылы (573-жылы) Таба элчи жиберип, ат тартуулаган. Чи бектиги кыйраган соң, Чи Дыңжов аймагынын аталыгы, Фанйаң ханы Гав Шавйи мадыйан түрктөрүнө качып барат. Таба Гавшавйини Чи падышалыгынын падышасы деп жарыялап коёт. Анын мурдагы адамдарын чогултуп, келе алабыз деп айтышат. Шуанжиң жыл санагынын башкы жылы (578-жылы) – 4-айда, Таба Йужу аймагын чаап кетет. Черүү башы Лийушоң ага каршы кол баштап чыгып согушат. Бирок жеңилип майданда өлөт. Вуды падыша өзү алты сан кол баштап, түндүккө черүү тарткан. Бирок ал жолдо каза табат да, черүүсү кайра салат. Ошол жылы кышындасы Таба чек ара аймактарын чаап алып, Жучуан калаасын курчап туруп, калааны карактап кеткен. Дашаң жыл санагынын башкы жылы (579-жылы) Таба кайрадан куда-сөөктүк байланышты калыбына келтирүүнү суранган. Жыңды падыша Жавнун ханы Жавйүндүн кызын «Миң алтын ханыш кызы» деген ат менен аларга берет. Андан соң элчи жиберип, Гав Шавйини Астанага карматып келүүгө жиберет. Таба ага ынабай, кадыресе, Биңжов аймагын чаап алат. 2-жылы Таба элчи жиберип, тартуу жеткиртип, ханыш кызды көчүрүп алып кеткен. Бирок Гав Шавйини дагы эле алып калган. Падыша Хы Руйига буйрук түшүрүп, Гав Шавйини тапшырып берүүнү айттырган. Ошондон соң анан Гав Шавйи Астанага алып келинген.

Таба ооруп жатып өлөр алдында, уулу Амырга мындай керээз айткан: «Эң эле жакындык – бала менен атанын жакындыгы деп угуп келем. Менин агам жакыным деп өз баласына тартпай, такты мага берген. Ошол жолду жолдоп, мен өлгөндөн кийин такты Таробанга бергениң оң». Ал өлгөн соң мамлекетине Таробанды такка отургузушту. Ыңгайлап турганда, анын энеси карапайым калктын кызы болгондуктан, көпчүлүк ага ынаныша бербей, нагыз ак сөөктүн тукуму болгондуктан, Амыр түрктөрдүн баш кишиси болууга тийиш дегенге келишкен. Анда Шатай келип мындай деген: «Эгерим Амырды такка отургузсаңар, мен ага инимди баштап келип, анын ишин колдоого аламын. Антпей Таробанды такка чыгарсаңар, өзүмчө чеп куруп, канжар, найзаларды курчутуп алып, аны менен таймашка чыгамын». Шатай аксакал жана баатыр адам болгондуктан, анын сөзүнө каяша сүйлөр адам чыкпаган. Ошону менен Амыр такка олтурган. Таробан такка отура албаганына таарынып, Амырга ынанбай, ар дайым адам жиберип, ага тийише турган сөз айттыра берет. Амыр башкара албай такты Шатайга бошотуп берет. Ошондо мамлекет ичиндеги кеңешчилери акылдашып келип: «Хакандын төрт баласынын ичинде ушул Шатай эң мыктысы эле» деген жерге келишип, аны такка чыгарып: «Эл күлүк шад баатыр Ишбара хакан» – деп аташты. Атагы Ишбара болгон Алтүкөн тоосуна ордо салган. Амыр Доло суусунун боюна түшүп келип, ошол жерге жайгашты да, 3 хакан деген атак менен жашаган. Таробан болсо Ишбарага келип: «Сен экөөбүз тең эле хакандын балдарыбыз, ар бирибиз атанын мурасына ээ болууга акылуубуз, бүгүнкү күндө сен аябай ардакталып кеттиң. Мен гана эчтемеде жок болуп кала бердим, бул кандай болгону?» – деп сурайт. Ишбара андан чочулады да, ага «Аба хакан» деген атакты берип, өзүнө тиешелүү эл-жерин бөлүп коёт.

                                          СҮЙ СҮЛАЛА ТАРЫХЫ

                                                                        (Сүйнама)

Түзгөн Вий Гүй , Йан Шигу

Бул китеп Сүй сулаласынын тарыхын баяндаган китеп болуп, 636-жылы жазылып бүткөн. Бул «Беш доор тарыхын» бир кыйла толук баяндаган. Жалпы 85 ором.

«Сүй сулала тарыхы» ханзу «26 тарыхынын» ичинде саналат. Мында телелер баянында кыргыздардын тегитүбү жөнүндө баян айтылган.

                                                            Сүй сулала тарыхы 84-ором Жөн баян – 49

ТҮНДҮК ДИЛДЕР

                                                                 Телелер (Төөлөстөр)

Телелердин теги – хундардын урпактары болгон. Алардын тукумдары аябай көп, батыш деңиздин чыгышынан тартып, тоо-таштын аралары бүт эле ушулардын тукуму ширешип кеткен. Тогло дайрасынын түндүк жагындагылары: бугу, тоңра, уйгур, байгур, буура уруулары жашайт. Алардын баш кишисин иркин деп атайт. Ичинде муңчун, торокыр, изгил, гун, коксар сыяктуу уруктары болуп, мыкты жоокери 20 миң экен. Ыбырколдун (Комулдун) батышы, Карашаардын түндүгү, Теңир-Тоо (Ала-Тоо) өңүрлөрүндө: чүбө, болочо, икен, субо, накы, угай, кыргыз, экен, жорокер сыяктуу уруктары жашайт. Мыкты жоокери 20 миң келет. Алтын-Тоонун (Алтайдын) батыш түштүк жагында: сыр-тардуш, жалайыр, зыбан, даркыт сыяктуу уруктар жашайт. Түмөндөн көбүрөөк жоокери бар. Каңлы мамлекетинин түндүк жагы, Ата суусунун бойлорунда: эдиз, кажар, баркут, биган, көкөй, кыбыш, кажа, сул, баймат-кара сыяктуу уруктары жашайт. Боло турган жоокеринен 30 миң чамасы бар. Теңиз көлдүн чыгыш-батыш жактарында: салар, кыйат, үчсагын, марсук, лоңкор сыяктуу уруктары жашайт. 8 миңге жуук жоокери бар. Пормонун чыгыш жагында: үңкү, алан, бөрү жол, баргун сыяктуу уруктары жашайт. 20 миңге жуук жоокери болот. Түндүк деңиздин түштүк жагында туба сыяктуулар бар. Булардын уруктары бөлөкчө аталып тарамдап кеткени менен, жалпысынан телелер (төөлөстөр) деп аталат экен. Ар бир уруктун өз алдынча баш кишилери (падышалары) болбойт. Алар чыгыш, батыш деп эки түрккө бөлүнүшүп, каранды болушат. Отурукташкан эмес, жайыт-сууга карай оторлоп көчүп жүрүшөт. Адамдарынын мүнөздөрү каарлуу, аёосуздай көрүнөт. Ат үстүндө жаа тартканга маш келишет. Сугалак келишет. Карактап, тоноп оокат кылышат. Батыш жакка жакыныраактары мөмө-бак күтүшөт. Уй, кой көп болот. Ал эми жылкысы аз келет. Түрк мамлекети курулгандан кийин алар чыгышка, батышка жортуул жасай баштап, жерин кеңиртип, оокаттарын оңолтуп ала баштаган, түндүк жактагы Чөлдүктү ээлигине алган.

Кайхуаң жыл санагынын соңгу жылдарында (581– 601-жылдарда) Жий беги Йаң Гуаң түндүккө жортуул жасап, Йамыр хакан менен ымалалашып, Бука каханды талкалашат. Ошону менен телелер (төөлөстөр) таркап-тозуп кетет. Дайе жыл санагынын башкы жылы (605-жылы) түрктөрдүн Кара каханы телелердин күлдү көп уруусуна дүмөк салып кирип, алардын мал-дүнүйөсүн шыпырып жөнөйт. Сыр-тардуш сыяктуу уруулардын баш билги кишилерин кармап, тополоң чыгардың деген шылтоо менен 100 чакты адамын кырып салат. Ошол себептүү алар бир эле убакта көтөрүлүш жасап, Кара хаканга каршы чыккан. Ал эми элтебир Иркин Чүбөгилди Эхучин баатыр кахан деп такка олтургузушкан. Ал Таңкан тоосуна ордо куруп турган. Сыр-тардуштарга иркин Жадырды кичи кахан деп тургузган. Кара хакан жеңилген соң, Баатыр кахандын мартабасы көтөрүлө баштаган. Баатыр кахан кайраттуу, баатыр адам болгон. Ал элдин көөнүнө жаккан. Коңшу мамлекеттер да андан коркушуп турган. Ыбыркол (Комул), Идикут, Карашаар бектиктери ага көз каранды болуп беришкен.

Телелердин салт-санаасы түрктөр менен көп жагы окшош, алгач үйлөнгөн жигит кыз жактын төркүнүнүн үйүндө турат. Алар бала көргөн соң гана өзү үйүнө кайтып келет. Өлгөндөрүн бейитке көмөт. Булардын айырмалыгы мына ошол. Дайэ жыл санагынын 3-жылы (607-жылы) алар ордого элчи жиберип, тартуу буюмдарды жеткирген ошондон соң үзбөй тартуу келип турган.

ЖОВНАМА

Түзгөндөр Таң Лин , Худипин

«Жовнама» Түндүк Жов сулаласы тарыхын баяндаган китеп болуп, Таң сулаласынын Жингуан жыл санагынын 10-жылы (636-жылы) жазылып бүткөн. Бардыгы 50 ором. Бул мурдагы «Жов тарыхы» деген китепти толуктап түзүлгөн. Ханзу тарыхы 26 тарыхтын бирөө эсептелет.

Бул китептин 50-оромунда «Түрктөр» баяны көлөмдүү берилген. Анын ичинде кыргыздардын теги жөнүндө баян айтылат.

                                                                    ЖОВНАМА 50-ором

                                                                                          Жөн баян 42

                                                                   Бөтөн чөлкөмдөр (Кийинки бөлүгү)

                                                                               Түрктөр

Түрктөр – хондордун дагы бир тукуму, теги Асана уругунан чыккан. Кийин өзүнчө эл болуп кетти. Кийин аны коңшу мамлекет кыйратып кетип, тукум курут кылып жиберди. Ошондон он жашар бир баланы (жоо жак) черүүлөр жаш экен өлтүрбөйлү деп бутун кесип, чөпкана жерге ыргытып ийишип кетет.

Бир канчык бөрү эт алып келип берип, ал баланы багат. Бала эресеге жеткенде ошол канчык бөрүгө жаңылып коёт. Ал бөрү ошондон боозуп калат. Ал баякы коңшу мамлекеттин ханы ал баланын тирүү экенин угуп, аны өлтүрүп келүүгө кайрадан адам жиберет. Жиберген адам баланын жанында бөрү турганын көрүп, аны да бирге өлтүрмөк болот. Бөрү качып Идикут мамлекетинин түндүк жагындагы тоого кире качат. Ал тоодо үңкүр бар экен. Үңкүрдүн айланасы жүз чакырымдаган жайык келип, анда өсүмдүк (чөп) аябай өскөн, төрт жагы тоо менен курчалып турган жайлуу жер экен. Карышкыр мына ушул жерге уюктап калат. Ошол жерде он уул тууйт. Он уул бойго жеткен соң, бөтөн элден кыз алып, балалуу болушат. Алардын тукумунун ар бири бирден урук эл болуп чыгышат. Ошондон Асана бир урук болот. Тукум-уругу көбөйөт. Бир канча жүздөгөн түтүн болуп чыгышат. Бир канча кылым өткөн соң, уламдан-улам үңкүрдөн чыгышып, жоржандардын багынды эли болуп калышат. Алар Алтай тоосунун (Алтын тоо) күңгөй жагын жерге кылып калышат. Алар жоржандарга темирчи болуп алышат. Алтай тоосунун кепетеси туулгага окшойт. Ошого ал жер туулга (* ) аталып кетет да, бара-бара алардын эл аты болуп калат.

Дагы мындай (уламыш) айтылат: «Түрктөрдүн теги сак элинен болуп, алар хондордун түндүк жагында экен. Бул элдин баш билги кишиси Абам бек экен да, 17 акеүкөлүү экен. Анын бирөө Игил Нышачор деп аталат экен. Ал бөрүдөн туулган имиш. Абам бектин калган балдары акылсыз чыгып, мамлекети ойрондолот. Нышачор бөтөнчө акылдуу, тууштуу чыгыптыр. Ал шамал чыгарып, жаан жаадыра алат экен. Ал эки катын алыптыр. Алар жайдын жана кыштын пирлеринин кыздары деп айтылат имиш. Бир катыны төрт уулду эгиз (төрт эгиз) төрөптүр. Анын бирөө ак кууга айланып кеткен имиш. Дагы бирөөнүн мамлекети Абакан суусу менен Кем сууусунун арасында жашап, кыргыз (** ) аталыптыр; дагы бирөө Чулум суусунун бойлорунда экен; дагы бирөө Башчулум тоосун жергелеп калыптыр. Бул улуу уулу экен. Бул тоо ошол Абам бек тукумдары жердеген жер болот. Ал жер аябай суук, катаал келет имиш. Ошол улуу уул от чыгарып, аларды жылуу-жумшак багып, жалчытып койгон экен. Ошого бардыгы ошол улуу уулду ээ тутунуп, аны түркүк этип, атагын «Түрүк» (* ) коюп алышыптыр. Анын аты Нур түрк шад экен. Нур түрк он катын алыптыр. Андан төрөлгөндөрдүн бардыгы эне жагынын тек атын уруна турган болушуптур. Асана ошонун кичи катынынан төрөлгөн экен. Нур түрк өлгөн соң, андан болгон он баланын бирөө такка отуруу керек болот. Ошондо, ал он бала тең бир чоң теректин түбүнө келип, мындай токтомго келишет да, ким ушул чоң теректин башына мурда чыга алса, ошону бийлик такка отургузмак болушат. Асана жашынын кичүүлүгүнө карабай эң бийигине секирип чыгат. Ошондон улам бардыгы аны ээ тутунуп, аны Акын шад деген атак менен атап кетишет». Бул уламыш сөздөрдүн айтылышы ар башка болгону менен, түбүндө барып дагы эле бөрүнүн тукумунан деген майнап чыгат.

Мындан кийинкиси Түмөн деп аталат. Мунун убагында эли биртке жалчый баштайт. Чек арага келишип, жибек кездемелер сатып алышып турат. Жуңго менен карымкаттоо жасоону баштагысы келет. Датуң жыл санагынын 11-жылы (545-жылы) Тайзу (аты – Жо Винди) падыша Жучуандык Хуаннобанданы элчиликке жиберет. Алар барганда, ал мамлекет эли: «Бүгүн бизге улуу мамлекеттен элчи келди, мамлекетибиз эми жарып-жалчый турган болду» дешип, аны майрамдашат. 12-жылы Түмөн да элчи жиберип, мал-мүлк тартуу кылат. Мына ошол кезде (төөлөстөр) телелер жоржандарга черүү аттантып жаткан экен. Түмөн өз элин баштап чыгып, аларды кыйратат. Алардын 50 миң эли буларга каранды болот. Ошентип булар күч алып чыкты да, жоржандардан кыз алууга жуучу жиберет. Андан жоржандардын ээси Анагы каарданып, жуучуну сөгүп: «Менин темирчи кулум болуп жүрүшүп, менден кыз сураганга кантип даап ооз ачтыңар?» деген. Ачуусу менен ал жуучулардын башын алдырып салат. Андан күдөрүн үзгөн соң ал бизге (Жуңгого) кыз берсин деп жуучу салат. Тайзу падыша аны эп көрүп, кулдугуна куттук айтат. 17-жылы 6-айда Вий бүлөсүнөн Ли ханыш кызды ага берет. Ошол жылы Вий Винди падыша кайтыш болот. Түмөн элчи жиберип, аза айтып, 200 жылкы айдатып карасын түшүрөт.

Вий Пийдинин жыл санагынын 1-жылы баш айында Түмөн черүү аттантып, жоржандарга дүмөк салып, Хуайкуаңдын түндүк жагында аларды кыйратат. (Алардын баш кишиси) Анагы өз жанын өзү кыйып алат. Улуу Жанрочин Чи бектигине качып кетет. Калган караламан эли Анагынын абасы Теңчукөздү баш киши (ээ) кылып, такка олтургузат. Түмөн өзүн Илик хакан деп атайт. Бул илгерки Теңиркут менен тең эле. Өзүнүн аялын катын деп атайт, ал илгерки ханышка тең болгон. Түмөн өлгөн соң анын уулу Кара такка олтурат.

Кара кийин экинчи хакан деп аталды. Ал да (Тең) чукөзгө дүмөк салып, аны Хоорайдын түндүгүндөгү Мура тоосунда кыйраткан. 2-жылы чын куран айында, Кара элчи жиберип, тартууга 50 миң жылкы айдаткан. Кара каза тапкан соң, анын иниси Иркин такка отуруп, Мукан хакан деп атаган.

Ирикиндин дагы бир аты – Жанчор. Анын кебетеси шумдуктуу болуп, бетинин жалпактыгы карыштан (бир Чи) ашкан, өңү кыпкызыл, көзү ичинен жаркыраган кебетеде экен. Өзү абдан камбыл, жоокерликке маш болгон ал Теңчукөзгө кол баштап барып, аны кыйраткан. (Тең) чукөз жана анын калды-каттылары качып келген. Иркин дагы батышта абдалиддарга дүмөк салып, чыгышта кидандарга барды, түндүк жагындагы кыргызды (** ) кошуп алган. Теги чек аранын тышындагы бектиктердин бардыгын коркутуп, багынууга кыстаган. Анын ээлеген жери чыгыш Лиавхайдын батышынан тартып, батыш жагы Батыш деңизге чейин түмөн чакырым, түштүгү Чөлдүн түндүгүнөн тартып, түндүк жагы Түндүк деңизге чейин 5–6 миң чакырым болуп, мына ушул чөлкөмдү каратып алган.

Алардын жүрүмү-салты: айдар чач коюп, сол жагына таштап жүрөт. Отурганы ак боз үй, жайыт которуп көчүп жүрүшөт. Малчылык, аңчылык иштер менен иштешет. Кары-картаңдарын эмес, карылууларын аздектешет. Уятсыятты элебейт. Каада күтмөйү жок да, илгерки хондор сыяктуу келишет. Баш кишисин такка отургузганда, нөкөр, кеменгер адамдары аны кийизге отургузуп алып, күндүн айланышын беттеп, тогуз айлантат, ар бир айлантканда кара калк ага жүгүнүп турушат. Жүгүнүп болгон соң, аны жөлөп атка мингизишет да, мойнуна буулум кездеме чалып, аны кылкынып кетпегидей кылып муунта тартып, андан соң ылдам суроо берип: «Канча жыл хакан боло аласың?» – деп сурайт. Башы кеңгирей түшкөн ал баш киши төп бирдеме айта албай калат. Анын алдындагы нөкөрлөрү жөн жоруп, кандайдыр бир сандарды айтып ырымдап коюшат. Чоң мансабы – йапку. Андан кийинкиси – шад, андан соң – тегин. Андан кийинки – элтебир. Андан соң – түтүн башы жана башка кичик мансаптан жыйырма сегиз даража мансап болот. Алар бул мансапты мурас калтыра алат. Жоокердик жарактары: жаа, ышкырма жебе, соот, найза, шамшар, кылыч сыяктуулар. Кисе байланууну жасалга катары көрүшөт. Туу сайып, тууга бөрүнүн башын айчык түшүрүп алышат. Жасакчыларын «бөрү» деп айтат. Бул Ша (ханзу) тилинде «лаң» экен. Анткени өздөрүнүн бөрү тукумун унутпастыгы үчүн айтып жүргөндүгү экен. Жоокер чогултканда, жоокер аттандырганда, аттарын санаганда, салык төлөгөндө, төрт түлүктү эсептегенде жыгачка кертип коюп эсептешет. Алтын октуу жебе менен мөөрдү ишеним күбөлүгү кылып урунушат. Алардын жаза-жосуну: чыккынчылык кылуу, адам өлтүрүү, бирөөнүн аялын зордуктоо, ат уурдоо кылмыштарына өлүм жазасын берген; бирөөнүн кызына зордук иштесе, оор айып төлөтүлгөн жана ал кызды аялдыкка алууга өкүм кылынган; мушташып жараландырылса, анын оор-жеңилдигине карай айып төлөө буйрулган. Ат жана башка буюм уурдагандарга ошондон он эсе айыпка буюруп төлөтүлгөн. Адам өлсө, ак боз үйгө сөөктү коюп, балдары, неберелери, тууган эр-ургаачылардын бардыгы ар бири бирден жылкы же кой союшуп, ак боз үйдүн алдына жайып туруп, ашын берет. Андан соң аттарына минип, ал үйдү жети айланып чыгышат. Андан соң ал үйгө кирерде беттерин бычак менен тилишип, өкүрүп үн салып, кан менен жашын шорголотуп киришет. Мына ушундай жети жолу кайталап анан басылышат. Алар күн тандап, өлгөн адамдын минген атын жана ал урунган кийим-кечек, буюмдарын бүт сөөк менен бирге өрттөп, анын күлүн чогултуп алып, маалы келгенде ана бейитине көмөт: жаз, жай өлгөндөрдү дарактардын жалбырактары саргарып куураган кезде; күз-кыш өлгөндөрдү өсүмдүктөр гүл ачып өскөн кезде көр казып көмөт. Көмгөн күнү да туугандары ага ашын берип, баякыдай эле атка минип айланып, бет тилишип, өлгөн күнкүдөй аза зыйнатын бүтөшөт. Көмгөндөн кийин бейитине тул таш коборуп, белги коюшат. Бейитине койгон тул таштын аз-көптүк саны ал киши тирүү кезинде канча адам өлтүргөндүк санына карай болот. Андан бөлөк ашына союлган кой, жылкылардын башын да асып коюшуп белгилешет. Ал күнү эрлер-ургаачылар бүт бажоо кийинишип, бейит башына жыйналышат. Ошондо жигит бир кызды жакшы көрүп калса, үйгө кайтып барган соң дароо ага жуучу жибертет. Ага ата-энеси каршы болбойт. Агасы кайтыш болсо, иниси же агайиндер жеңелерине үйлөнө беришет. Кадырмандар уяттуу иштерге өзүн булгабайт. Көчүп, жортуп жүрүү демейдеки иш, ошентсе да ар кайсысынын өз жери болот. Хакан турактуу өтөгөн тоосунда болот. Анын ордосунун капкасы чыгышка карайт. Бул анын күндү кадырлаганынан болгон кептенет. Ар жылы өзүнүн кеменгер адамдарын коштоп алып, ата-бабаларынын үңкүрүнө барып түлөө өткөрүп турат. Дагы кулжа айынын (5-айда) ортосунда бүт адамдарын чогултуп Көкө теңирге түлөө өткөрөт. Үтөгөн тоосунан төрт-беш жүз чакырым аралыкта чөп-дарак өнбөгөн бийик тоо бар. «Ба(ба) теңир» дешет. Ханзуча мааниси «жердин ээси» (жер пири) деген болот экен. Алардын жазуусу гуздардыкына окшойт. Жыл эсеп (календар чилити) билишпейт. Чөптүн көктөгөн кездерин белги кылып жыл эсептешет.

Иркиндин кезинде эли жалчыган. (Бизге) элчи жиберип, Теңчукөз сыяктууларды жылас кылууну суранган. Тайзу (Жов Винди) аны куптаган. Чукөздүн 3000 адамын туткундап, анын элчилерине тапшырган, аларды Чыңмын капкасынан чыккан соң эле алар кырып салган. 3-жылы Иркин туйгун элине элетпей дүмөк салып кыйраткан. Туйгун эли жөнүндө «Туйгундар баянында» айтылат. Миңди падышанан (аты – Жовйү) 2-жылы (558-жылы) Иркин элчи жиберип, тартуу жеткирткен. Бавдиң жыл санагынын баш жылында (561-жылы) үч жолу элчи жиберип тартуу жана башка буюмдарды жөнөткөн.

Ошол кез (Жов) Чи бектиги менен салгылашып жаткан учуру эле. Жыл сайын согуш үзүлбөй, удаа боло бергендиктен, сырттан көмөкчү керек болуп турган эле. Мурда, Вий Гоңди кезинде, Иркин кызын Тайзуга берүүгө атап жүргөн болчу. Бирок чындап куда болуу бекий элек кезде Тайзу кайтыш болуп кетет. Кийин Иркин дагы бир кызын Гавзуга берүүгө атап кулдук жасай электе Чи бектигинен ал кызына жуучу келип калат, Иркин алардын калыңына кызыгып, мурдакы атаган жеринен айныгысы келет. Как ошол учурда падыша Лийаңжу аймагынын башчысы Йаң Жыйан, жасак башы Ваң Чиң сыяктууларды кулдук уруп келүүгө жиберет. Ваң Чиңдер барып, ишенимге бек болуу керек экенин айтып барышат. Иркин ошондон соң анан Чи элинен келген жуучулардын кулдугун кабылдабай кетирип, падышанын кулдук уруп келгендерине куттук айтып, куда болот. Ошону менен ал чыгышка черүү салуу талабын коёт. Бул баян Йаң Жийандардын баянында айтылган.

3-жылы падыша Сүй аталыгы Йаң Жуңга түмөн черүү баштатып, түрктөр менен бирге Чи бектигине дүмөк салууга жөнөтөт. Йаң Жуңдун колу Шиңлиң кыраңынан ашкан соң Иркин он түмөн аттуу кол менен келип кошулган. Кийинки жылы баш айда Чи бектигинин баш кишиси турган Жийанга дүмөк салып кирип, аны ала албай калат. Иркин черүүсүн тыйбай жөн коюп, чачылып, бузулуп бейбаш болуп кетет. Йаң Жуң келип Газуга (падышага): «Түрктөрдүн каруу-жарагы мажес, сыйлыгы аз, жазасы жеңил, кол башчысы көп болгону менен, буйругу өтпөйт. Мындайларды бой сундуруу кыйын деп кандай айтты болду экен? Мурда бизден барган элчилер аларды аябай күчтүү деп айтышып келгендери деле белгилүү окшойт. Алардын напсиси тигилердин элчилерине биздин мамлекет көптөн белек берсе, кийин өздөрү да алардан көптөп алабыз дегенди ойлоп, ошенткен түрү бар. Сулалабыз алардын көптүрмө сөздөрүнө ынанып алган соң, биздин жоокерлерибиз жана кол башчыларыбыз алардан коркуп жүрүшкөн турбайбы. Жоо жак (түрктөр) мындай эле караганда каруулуу көрүнгөн менен иш жүзүндө андай эмес. Менин байкоомо караганда, алды-кийин аларга барган бардык элчилердин башын алуу керек». Гавзу падыша анын бул сунушун кабыл көрбөгөн. Ошол жылы, Иркин дагы элчи жиберип, тартуу берген. Чыгышка кайра черүү салуу сунушун айттырган. Падыша коолу түшүрүп, Йаң Жуң кол баштап окуяга чыгуу, Жин аталыгы Худе Лойаңдан тосуп алуу буйругун берди. Кошулган салгылашууда Худе жеңилип калат, Иркин да кайра тартат. (Бавдиң жыл санагы) 5-жылы (565-жылы) падыша коолу менен чин аталыгы Чүн, баш ордо беги Йү Вынгүй, башкы жасакчы Ду Йы, дагы түштүктү тынчытуучу аталык Йаң Жан сыяктууларды кулдук урган кызды көчүрүп келүүгө (түрккө) жөнөткөн. Тийанкы жыл санагынын 2-жылы (567-жылы) Иркин дагы элчи жиберип, тартуу берген. Чин аталыгы Чүндөр келгенде Иркин Чи бектигинен али күдөрүн үзө элек болчу. Ошол күндөрдө күн керемет бузулуп, чагылган чагып, күн күркүрөп, алаамат болуп кеткен. Ал кызын Чүн сыяктуу келген куда жакка кошуп берүүгө ынаган. Бул жөнүндө «Падышанын катыны жөнүндө баянда» айтылат. 4-жылы Иркин дагы элчи жиберип, тартууга жылкы айдаткан.

Иркин өлгөн соң, анын иниси Таба хакандыкка отурган. Иркин кезинен баштап бул мамлекет жарып-жалчып күчөгөн да, жуңшалыктарды чендеп көргүсү келип жүргөн болчу. Ордобуз алар менен куда-сөөк байланышты жасап, жылына буулум, торко кездемеден 100 миң тактайдан берип турган. Түрктөр Астанада турганда, аларды аябай сыйлашты. Кийгендери торко кийим, жегендери эт болуп турду. Дайыма миңдеген адам ушундай баарланып турчу экен. Чи эли да алардын сугалактыктарынан коркуп, казыналарын какшытып салчу экен. Таба (баш кишиси) өтө дымактуу неме экен. Ал нөкөрлөрүнө мындай дептир: «Кадыресе, менин түштүктөгү эки уулум эле күйүмдүү болот экен, эч нерседен кабатыр тартпайм». Жанды жыл санагынын 2-жылы (573-жылы) Таба элчи жиберип, жылкы тартуулаган.

Чи бектиги кыйраган соң, Чи бектигинен Дыңжу аймагынын башчысы, Фанйаң беги Гао Шавйы Майадан түрктөргө качып кеткен. Барган соң Таба (түрктөрдүн баш кишиси) Гао Шавйыны Чи беги деп жарыялап, анын жекжаатын чогултуп, кек алабыз дегенди айттырды. Шуанжың жыл санагынын башкы жылы (578-жылы) кулжа айында Таба Йужу аймагына чабуул жасап кирип, кара калкын өлтүргөн. Кол башы Лыйу Вий ага каршы кол баштап чыгып жеңилип, майданда каза тапкан. Гавзу өзү алты сан колду баштап, түндүккө салгылашууга чыгат. Бирок ал жолдо кайтыш болуп кетип, жөнөгөн кол кайра кайтат. Ошол жылы кыш Таба айланасындагыларга дүмөк салып, Жучуанды ороп алып, аны карактап кеткен. Дашаң жыл санагынын башкы жылы (579-жылы), Таба кайра элдешүү сунушун коёт. Падыша Жавбиге Жавнун кызын «Мин алтын ханыш» деген ат менен ага берүүнү, ал эми элчи жиберип, Гао Шавйыны ордого айдатып келүү шартын коёт. Таба ага ынабай, Биңжу аймагына чабуул жасайт. Дашаң жыл санагынын 2-жылы (580-жылы), ал (Таба) элчи жиберип, ханыш кызды көчүртүп кетет. Бирок Гао Шавйыны тапшырып бербей алып калат. Падыша кайрадан Хы Руйыны жиберип Гао Шавйыны тапшырып берүүнү буюрат. Ошону менен Гао Шавйы Астанага алып келинет.

                                                   КӨӨНӨ ТАҢНАМА

Жазгандар Жаң Жавйуан , Жа Вий

Бул китеп «Таң мамлекет тарыхы» деп аталган китеп болуп, мурдагы аты «Таңнама» эле болгон. Мындан кийин жазылган « Жаңы таңнамадан» айырмалоо үчүн «Көөнө таңнама» деп кийин аталган. Жазылган убакты кийинки Жи сулаласынын Тийанпу жыл санагынын 5-жылы (940–945-жылдары) жазылып бүткөн.

                                                                 Жалпы көлөмү 200 ором.

Ханзу тарыхы китептери деген «26 тарыхтын» ичиндеги тарыхый китеп болуп эсептелет.

                                                                   Көөнө таңнама 3-ором

                                                    Тектүүлөр санжырасынын үчүнчүсү

                                                                  Тайзуң (кийинки бөлүгү)

Жингуандын 22-жылы. Жалган куран айы. Мурдагы ордобек Чу Сүйлаң кайра ордобектикке коюлду. Тарых мекемесинин башчысы Сүй Рыншы мансапка олтуруу толумдуулугу болбогондуктан алынып салынып, Ланжуга сүргүн кылынды. 2-күнү батыштагы аз сандуу улуттун Ишбара йапкусу көптөгөн адамдарын баштап келди. Анын Иркин Көлбеги ак жүрөк баатыр сангун болгондуктан, ал ноён Иркин деген мансапта экен. 7-күнү кыргызга (** ) кыргыз тутугу (**** ) курулду. 24-күнү падыша Йүхуагуң сарайына барды.

                                                                       Көөнө таңнама 38-ором

                                                                  «Жуграпийа шежиреси – 18»

Бешбалык аталыгы. Түркөштөрдөн, кыргыздардан, жанчордон коргонуу милдетин аткарган. Хаңкай, Теңиртоо, Ыбырколдо (Комулда) турган үч колду башкарган.

Бешбалык аталыгынын башкаруусунда Бешбалык коргоо мекемеси болуп, анда 20 миң черүү, 5 миң ат болгон. Кийим-аяк 480 миң эле. Түркөштөрдүн ордосу Бешбалык коргоо мекемесинин батыш түндүк жагында 3 миң чакырым аралыкта болгон. Кыргыздар Бешбалык коргоо мекемесинин түндүк жагында 7 миң чакырым аралыкта болгон. Чыгыш түндүк жакта Жанчорго баруу үчүн бир миң 700 чакырым келет экен.

Хаңкай колу Бешбалык коргоо мекемеси шаар ичинде болуп, 12 миң черүүсү, 420 аты болгон. Теңир-Тоо колу, Кучу аймагынын шаар ичинде болуп черүүсү 5 миң, аты 500 болгон. Ыбыркол (Комул) колу Комул аймагынын батыш түндүк жагында 300 чакырым аралыктагы Ганлучуан деген жерде болгон, черүүсү 3 миң, аты 300 болгон.

                                                                         Көөнө таңнама 40-ором

                                                                     «Жуграпийа шежиреси – 20»

Бешбалык коргоочу мекеме. Жиңгуандын 14-жылы Ху Жүнжи Идикутка черүү салган. Батыш түрк черүүсү Каганбут шаарында Идикутка болушту да, Идикут тынчыды. (Жиңгуан) 20-жылы бугу айында батыш түрктөн Небар Нишбара йапку Асанкол журтчулугун баштап келип кошулду. Ордосу – Бешбалык (** ) аймагында эле. Ал жерде йапкунун эли турчу экен. Чаңан жыл санагынын 2-жылы (702-жылы), ал аймак түндүк Бешбалык коргоочу мекемеси (***** ) өз гөртүлгөн.

Йуңхой жыл санагынан Тийанбо жыл санагына чейин Бешбалык аталыгы черүүдөн эки түмөн, аттан 5 миңди башкарып турган. Анын карамагында түркөштөр, кыргыздар, жанчорлор болгон: андан бөлөк Хаңкай, Теңир-Тоо, Ыбырколдо (Комулдарда) үч бөлүк түмөн санда черүү, беш миң ат болгон. Шаңйуаң жыл санагынын 1-жылы Тибет кыйраган. Карамагында көөнө оодан бирөө болуп, 2300 түтүн адам болгон. Тийанбо жыл санагы мезгилинде караштуу ооданы үч болуп, 2226 түтүн, 9964 жан адам болгон. (Бешбалыктын орду) Борбордон батыш түндүк жакка 5720 чакырым, чыгыш Ыбыркол (Комул) аймагынан 680 чакырым, түштүк жагы Кучу аймагынан 450 чакырым, батыш жагы түркөштүн ордосуна чейин 1600 чакырым, түндүк жагы кыргыздарга чейин 7 миң чакырым, чыгыш жагы уйгурлардын чебине чейин 1700 чакырым келет.

 

                                                            Көөнө таңнама 109-ором  Жөн баян – 519

Асана шер. Түрк Чулук кахандын баласы. 11-жылы акылмандык, эрлигин карматып өзүн карандымын деп атап, Тутук шадга каранды болуп алып, чөлдүн түндүгүнө ордосун курду. Йүкут шад менен бирге теле (төөлөс), кыргыз, тоңра сыяктуу урууларды бөлүп бийлешип жаткан. Такта он жыл отуруп, кооп-кырсыкка тушукпады. Мансаптарлары жана өз адамдары байып-сайрап кетүү болбоду. Шердин мындай айтканы бар экен: «Элим байыса, менин телегейим тегиз болот» – деп, ошого аны мансаптагылар жана башкалар да жакшы көрүшөт экен.

                                                                         Көөнө таңнама 174-ором

                                                                                 Жөн баян – 124

                                                                                 Ли Дыйү баяны

 

Ли Дыйү. Калем аты Вин Шав. Жавжүндүк адам. Чоң атасы Ли Шыжүн тарыхчы адам болгон. Атасы Ли Жибу Жав бектигине төрага болгон. Шуанзуңдун (аты, Ли Чүн) Йуанки жыл санагынын алгачкы мезгилинде (806-жылдарда) жайсаң болгон.

Ли Дыйү бала кезинен эле туштуу, чыйрак болуп, күч салып, машакаттуу үйрөнгөн. Болуп да, «Батыш ханнама», «Зоши Чүнчу» сыяктуу китептерди берилип окуган. Уят-сыйытын коё туруп эле жапалуу окуучу болуп, оодан даражалуу сыноого катышкан (негизги катмарга). Ал мамлекеттик оорактуу сыноо берүүнү жактырчу эмес экен. 12 жашка чыкканда эле өтө чыйрактык менен нечелеген иштердин ийгилигине кол жеткизе алган.

Дызуңдун (аты – Ли Куво) Жанйуан жыл санагы мез гилинде (785–804-жылдары) атасы мансаптан бошоп, түштүккө сүргүн кылынып айдалган кезде, ал атасы менен бирге болгон. Мансап алайын дегендин аракетинде болгон эмес. Йуанкы жыл санагынын (806-жылдар) алгачкы мезгилинде, анын атасы кайрадан мамлекет бийлик иштерине аралашат. Бирок ал борбордук мекемелерде мансапка отуруудан өзүн оолактата берген да, көп жолу ар кайсы черүү башкаруу орундарында жумуш аткарууга кирип иштеген. Йуанкы жыл санагынын 11-жылы (816-жылы), Жаң Хоңжиң жайсаңдыктан калып, Таййуан (аймагына) коргоочулук жумушуна коюлат. Ал Ли Дыйүнү бирге ала кетип, катчылык иштерин ага башкартып коёт. Кийин чоң билим жайы аны сунуш кылып, тарых жазуу жумуштарынын беги болуп иштейт. Йуанкы жыл санагынын 14жылы (819-жылы) Жаң Хоңжиң черүү башкаруу мекемеси таратылып кетет да, ал ордого кайтып келет. Ли Дыйү да аны менен бирге ордого келген. Ордодо арыз-док тергөө мекемесинде мансап кармап турган. Кийинки жылы 1-айда, Музуң (аты, Ли Хың) падышалык такка отурат да, ал такка чыгышы менен, Ли Дыйүнү чакыртып барып, Ханлинйуан билим жайына окумуштуулук милдетке коёт.

Музуң (падыша) так мурасчы бала болуп жүргөн кезинде Ли Жибунун атын көп угуп жүргөн болчу. Ал Ли Дыйүнү көргөн соң эле, аны аябай кастарлап калат. Ордодо падышалык буйрук, жарлык сыяктуу жазуу иштерин кадыресе сулаланын зор иштерине байланыштуу жазуу жумуштарынын көбүнчөсүн Ли Дыйү жазмай болуп калган. Ошол эле айда Музуң падыша Сижиңго сарайында Ли Дыйүнү чакыртып келип, айла-амал жөнүндө суроо таштап көрөт. Ошону менен (сыноодон өткөн соң) ага 3-даражадан жогорку мансаптын сары чен тонун кийгизип көтөргөн. Бир айдан соң аны дыйканчылык мекемесинин сырткы төрагасы милдетине койгон.

  • * *

Кайчиң жыл санагынын 5-жылы (839-жылы), Вузуң (аты – Ли Йан) падышалык такка олтурат. 7-айда сулала ордосу Хуайнандан Ли Дыйүнү чакыртып келет. 9-айда аны ордо эшик агалык милдетке коюп, ордонун катүжөт иштерин иштей турган болот. Өз кезинде Ли Дыйүнүн атасы Ли Жыбу 51 жаш кезинде мансабын алып, Хуайнанга коргоочулукка жиберилген экен да, 54 жашында жайсаңдык мансабын кайра калыбына келтирген. Ал эми кийин Ли Дыйү да Хуайнанга коргоочулукка жиберилип, кайра сулала ордосуна чакыртылып келип, жайсаңдыкка коюлган. Мындагы кызыгы, жаш курамы атасынын (мансаптан калган, кайра мансапка коюлган) жашы менен опокшош болгону кызык иш болгон.

Вузуң (аты – Ли Йан) падышанын Хуйчаң жыл санагынын 1-жылы (841-жылы), Ли Дыйү сол кол бектикти кошумча иштеп турган. Кайчиң жыл санагы мезгилинин соңунда (840-жылы), уйгурлар кыргыздардын чабуулуна тушугат да, андан жеңилип, эли тарап тозуп кетет. Алардын баш кишиси Үгей хакан ынтымак кудалыкка Таң сулаласынан алган келин Тайхини түштүккө карай алып жөнөйт.

  • * *

Хуйчаң жыл санагынын 3-жылы (843-жылы), жалган куран айында, Жав Фан кыргыздар Күчар чөлкөмү

(Аншы) менен Бешбалык коргоочу мекемесин чаап келди, кол чыгарып көмөк берүү керек деп кабар кылган. Ошондо Ли Дыйү мындай деген:

«Жуграпийа тезкиресине негиз айтканда, Күчар чөлкөмү менен Чаңандын аралыгы 7 миң 100 чакырым, Бешбалык менен Чаңандын ортосу 5 миң 200 чакырым жатат. Тайпиң мезгилинде батышка барчу жол Хышы, Лоңши аркылуу Йүмингуандан өтүп барчу экен. Анда жолду ката сыйра эле өзүбүздүн мамлекеттин оодандары турчу экен да, кайда болсо да мыкты черүүлөрүбүз ал жерлерди коргоп турчу экен. Күчар чөлкөмү, Бешбалыкка черүү (кол) керек болсо, аны ошол айланадан чогултууга туура келет. Мамлекет кыйын абалга кезиккенден кийин, Хышы, Лоңши өтмөлүктөр тибеттердин колуна түшүп кеткен. Эгерим бул жерден Күчар, Бешбалыктарга барууга туура келсе, сөзсүз уйгурлардын алды менен жүрүүгө туура келет болчу. Мына эми уйгурлар кыйратылыптыр. Арийне алар чын эле кыргыздардын карамагына өттүбү-жок? Аны да биле элекпиз. Мына эми ал эки жерге кол көмөк берип куткарууда сөзсүз дагы коргоочу мекемелерди курууга, ханзу черүүлөрүнөн жиберип корготууга туура келет. Ар бир жерге түмөндөгөн адамды кайдан жыябыз? Аштыкты кайсыл жол менен ташып жеткиребиз? Мынаке, көрүнүп турган Тийанды, Жынву эки жерди алып айтсак, алардын Чаңанга болгон аралыгы жакын эле эмеспи, аларда кадыресе черүү күч жетишпеди деп какшанып турат, жөнчүлүк кезде сактап коюлган аштыгы үч жылга жетпейт. Сулала ордобуз ошолорго да каруу-күчүбүз жетиштүү эмес болуп турат. Мына ошондо 7 миң чакырымдын ары жагындагы Күчар чөлкөмүнө кантип кепелеттик кылып турмакпыз?

Ошол себептүү менин оюмча, аларды колго келтирдик дегендин өзүндө деле иш жүзүндө эч кандай пайдасы жок болуп чыгат. Илгери Хан сулаласынын Шуанды падышасы кезинде Вий жайсаң Каңкыл бектигиндеги тың жерлерди таштоону сунуш кылган экен. Хан Йуанды кезинде Жа Жен Жуанжунду таштоо жөнүндө өтүнүч айтыптыр: эмки сулалабыздын жайсаңы да ар же сулала өкүмөтү төрт шаардан кечүү жөнүндө сунуш бериптир да, өз жергесинен Хубуло хаканды такка отургузуп тыныптыр. Андан бөлөк дагы Андуңдан кечип, ага дагы эле Гав уругунан кан коюп коюптур. Мына булардын бардыгынын себеби бөтөн жерди деп ичти кургатып албоону, бөлөктү деп өзүн коромжу кылып салгысы келбегенден болгон тура. Бул үч вазир ошол кезде өздөрү байып-жайрап турган кезде да, бөтөн жерден кечүүгө кыйып отурат. Анткени Жуңгону байытууну көздөгөнү да, анан кантип ортолугу түмөн чакырым жердекилерге барып аларды тизгиндеп тургалы болот? Менин кадиктенгеним батыштагы бөтөн багынды бектиктердин айла-амалы көп экен, биздин мамлекеттин күчү ал жерге жетпестигин айкын эле билишип туруп, Жуңгонун алтын-күмүш казынасынан үмүт кылышып жатпайбы. Бул жолу падышам дагы орто жолдон кайра кайта турган иш болбосун, муну көрсө накай казынаны алып чыгып, жөн эле бир демге теңишип келгендей иш болот. Ал эмне дейсиз, бир ошол уйгурлар кыйраптыр го, алар сак калса деле кантмек, черүү чыгаруу ою пайдасыз бекен деп корком» деген. Анда Вузуң ал (падыша) сөзүн эм көрүп, черүү жөнөтүүнү токтоткон.

                                                  ЖАҢЫ ТАҢНАМА

Жазгандар Авйаң Шу , Суң Чын

Бул китеп Таң сулаласынын тарыхын баяндаган китептин бирөө болуп, жазылган убакты түндүк Суң сулаласынын падышасы Жензуң (аты – Жав Жин) Жиңли жыл санагынын 4-жылынан башталып (1044-жылдан), Жайү жыл санагынын 5-жылы (1060-жылы) китеп болуп бүткөн. Жалпы көлөмү 225 ором.

Бул китеп негизинен «Көөнө таңнаманы» толуктаган, андагы айтылган баштапкы материалдарды сактаган негизинде, мазмундарды байытып жазган.

Бул ханзу тарыхындагы «26 тарыхынын» бирөө болуп саналат. Мында кыргыздардын тарыхы, биринчиден, көлөмдүү, экинчиден, так баяндалган.

                                                                               Жаңы таңнама 217-ором

УЙГУРЛАР БАЯНЫ

                                                                        (Башкы жагы)

Уйгурлардын түбү-теги хондор болгон. Элден уланып айтылышынча, алар бийик арабалар урунган. Кийин Вий сулаласы кезинде каңкы тайпасынын ичинде айтылган, бөлөкчө айтканда, ал тайпа дил, анан тил келбей барып теле делип кеткен. Бул тайпада уйгурлар, сыр-тардуштар, чүбөйөлөр, тубалар, корыкандар, долонколор, бугулар, байгурлар, тоңралар, хундар, изгилдер, коксарлар, кыңгыт, адыз, аксеп деген он беш урук болгон. Булардын бардыгы чөлдүн түндүк жагында чачыранды жайгашышкан.

Уйгур (** ), дагы уху (** ), же болбосо ухы (** ), ал эми Сүй сулаласы кезинде Вийхы (** ) болуп жазылып келген. Адамдары тууштуу, чыдамкай келет. Эң алгачында алардын баш кишиси болбогон. Жайыт-суу кубалап көчүп жүрүшүп жашаган. Ат үстүндө жаа тартууга маш болушкан. Карактап кетмейге көндүм. Түрктөргө багынды болгон. Түрктөр аларды мал-дүнүйө менен колдоого алып жүрүп, түндүк Чөлдүн баатыры кылып салган. Сүй сулаласынын Дайе жыл санагы мезгилинде (605–618-жылдарда) түрктөрдүн баш кишиси Чоро кахан теле тайпасын чаап алып, алардын мал-дүнүйөсүн олжолоп кеткен. Кийин алардын кек куушунан коркуп, баш билги адамдарынан жүздөгөн адамды чогултуп келип аңга тыгып кырып салган. Уйгурлар менен бугулар, тоңралар, байгурлар бирге түрктөргө каршы көтөрүлүш жасап, баш кишисин Иркин коюп, өздөрүн уйгур (** ) деп аташкан.

Уйгурлардын тек аты – йаглакар. Алар сыр-тардуштардын түндүк жагындагы Селенги суусунун бойлорунда жашашкан. Ал жер ордого жети миң чакырым келет. Эли жүз миң. Алардын жарымы кылданган жоокерлер болгон, жергеси таштуу, туз көп чыга турган жерге эсеп телет. Малдан аларда кой көп болгон. Эли Жиген ирк инди баш кишиликке көтөргөн. Анын уулу Пудсат согушкан баатыр, амалкөй, мерген болгон. Ал согушка эң алды менен башын байлап чыга алат экен да, жеңбей койбойт экен. Ошондуктан анын кол алдындакылары бүт андан айбыгып, аны медер кылышат экен. Бирок Жиген аны жакындатпай куугунтуктап турган. Жиген иркин өлгөндөн кийин, эли Пудсаттын туштуулугун көздөшүп, аны баш киши кылып коюп алышат. Анын энеси Оройун деген аябай акылман, иш билги ургаачы экен. Ал ошол элдин бүт эле ички иштерин чечкин бир жаңсыл кылып турат экен. Ошого уйгурлар уламдан улам жалчый берген. Алар сыр-тардуштар менен бирге түрктөрдүн түндүк жагына дүмөк салган. Эл (баш киши) Йукукту жүз миң аттуу жоокер менен аларга чабуул жасоого жиберген. Анда Пудсат өзү беш миң аттуу жоокер менен согушка чыгып, Атжалы тоосунда аларды жеңип алган. Ошондон аларды кууп отуруп, Теңир-Тоого (Тянь-Шанга) чейин алып барган да, көптөгөн адамдарын, жылкыларын олжого алган. Ошону менен түндүк жакты силкинткен абыройго жетише алган. Ошондон баштап алар сыр-тардуштар менен ымалалаш болуп кеткен. Ал (Пудсат) өзүн Күл элтебир деп атап, ордосун Доло суусунун боюна курган. Жингуан жыл санагынын 3-жылы (629-жылы) алар сулалалабыздын ордосуна келе баштаган да, жергиликтүү түшүмдөрдү тартууга алып келген. Бул кезде түрктөр ойрондолуп болгон болчу, анда уйгурлар менен сыр-тардуштар гана күчтүү болуп турган. Пудсат өлгөн соң, алардын баш кишиси Колой элтебир Томодок ар кайсы урууларды чаап алып, сыр-тардуштарды өздөрүнө кошуп алган. Андан соң Жингуан жыл санагынын 20-жылы (646-жылы) түштүгүндө Колонтоосуна чейин жортуул жасап, Хуаңхы дайрасына жакындап келишкен. Ошону менен элчи жиберип, биз менен карым-каттоо түзгөн. Тайзуң падыша ошол иш жөнүндө Лиңжу аймагына барып, Жиңйаңда туруп, алар (уйгурлар) менен көрүшкөн. Ошондо телелердин (төөлөстөрдүн) он бир уруусунан келип: «Тардуштар чоң мамлекетти огожу кылбай, өздөрүн өздөрү курутуп алышты. Алардын карамагындагылар таранчыдай тарап, жоголушту, кайда кетишкендерин эч ким билбейт. Биздин ар бирибиздин өз жергелерибиз бар.

Теңир уулуна (падышага) эл болгонубуз бар, бизге Таң сулаласынын мансабын коюп берсеңиз» дешкен. Анда падыша Зор Сий конок алып, ар кайсы уруулардын баш кишилери менен көрүшкөн. Кадыресе, Таң сулаласынын эрежеси боюнча аларды мансапка падышалык буйрук менен койгон. Анда алардан миң адамдан көбүрөөгү мансапка коюлган.

Ошонун кийинки жылы, алар дагы ордого келишкен. Ал эми уйгурларга Каңкай тутук мекемеси, долонколдорго Жанран тутук мекемеси, бугуларга Жинвий тутук мекемеси, байгурларга Йолиң тутук мекемеси, тоңраларга Чанлин тутук мекемеси, изгилдерге Лусан тутук мекемеси бекитилген: хундарга Финланжу аймагы, коксарларга Гавтожу аймагы, адыздарга Жытанжу аймагы, чөбөйүлөргө Йушижу аймагы, кымыттарга Жылужу аймагы, изгилдердин дагы бөлөк уруктарына Дилинжу аймагы, аксептерге Диңиранжу аймагы курулган. Батыш түндүктөгү кыргыздарга (** ) тутук мекемеси, түндүк жактагы корыкандарга Шуантожу аймагы, чыгыш түндүк жактагы көрөбүрлөргө Жолоңжу аймагы курулуп, алардын башчылыктарына тутук, аймак башы, бек, сыма сыяктуу даражалар берилген. Тактап айтканда, илгерки Теңиркут өлкөсүндө курулган Жанран коргоочу мекемесине караштуу болгон алты тутук, жети аймак бүт бизге караган. Ли Сули Жанран коргоочу мекемесинин мекеме башы болуп милдетке коюлган. Жаңдан коюлган тутуктар менен аймак башчыларына бүт балык түрпү түшүрүлгөн чен тон берилип, алтын жалатылган сыя менен мансапка коюу буйругу түшүрүлгөн. Ошол кезде Теңир уулу (падыша) чек арадагы элдерге жакындары жана алыстагылары деген эки кол саясатты колдонгон. Алардын бардыгына (мансаптарларына) сары ыскыт түшүргөн кара чепкен тиктирип кийгизген, жанына таберик байлаткан. Кымбат баалуу идиштерди берген. (Алар келгенде) падыша өзү ички сарайда бирге отуруп, он уруунун оюн-шоок, күүлөрүн көргөн. Сарайдын алдына бийик ширеден дасторкон жайдырып, ал дасторкон үстүнө «жути» деген шишелерге караңгы булактын суусу менен ачыткан арактарды куйдуруп тиздирип койгон. Ал аракты солдон баштап «жути» шишесиндеги аракты куйдурса, тигил жактан бери карай ак алтын чөйчөк менен аракты кыдыртып дагы куйдурган. Уйгурлардан келген нече миң адам бүт ичишкен. Ошентсе да ал күнү тизип коюлган арактын жарымы түгөнбөгөн. Кийин аларды узатарда беш даражадан жогорку окумуштуулар менен жоокер башчыларын бүт чогулткан узатуу мааракесин бергизген, ошондо алардан келген эл башчылары баары чур этишип: «О, биз чет жакада туулуп өскөндөр элек, бүгүн мына ыйык адамдын жанында таалим угуп, эч качан көрүп бакпаган сыйга бөлөндүк, кадыресе, бирге атак-даража берилип, Таң мамлекетинин эли катарында каралдык. Биздин Таң сулаласына сөөнгөнүбүз, эне-атага сөөнгөндөй болду. Эми уйгурлар менен түрк урууларынын ортосуна бир даңгыл жол ачып бериңиз. Ал жолду «Теңир катышкан ардактуу жол» деп жүрөлүк да, бизди кылымдан кылымга, урпактан-урпакка Таңдын эли болуп жүрүүгө насип кылсын!» дешкен. Ошондон соң падышалык буйрук боюнча чөлдүн түштүк жагында Суксур булактын түндүк жагынан баштап 68 жерге каттоо-байланыш аялдамаларын (бекеттерин) курдуруп, ал аялдамаларга ат-унаа белендеп, сүт, эт даярдатып, келген элчилерди күттүрүп алган. Алар ар жылы суусар терисинен салык төлөшүп турган. Анан дагы Томотту кең пейил ноён сангун Каңкай тутугу деген мансап менен жиберген. Ошенткенге болбой Томот өзүнчө өзүн кахан деп алып, мансаптарларды коюп, баягыл түрктөргө окшош тышкы жайсаңдыкка алтыны, ички жайсаңдыкка үчтү, андан бөлөк тутук, сангун, сыма сыяктуу мансаптарларды коюп алган. Падыша дагы коолу түшүрүп, Жекен иркиндин бөлөк бир уруусуна Чинленжу аймагын куруп, аны Лиңжу тутугуна карай турган кылган. Аксептардын дагы бир уруусуна Жүйанжу аймагын курдурган. Томоттун абасынын баласы Уйгур менен Томуттун катыны ойнош болуп алган экен. Анын үстүнө Көлөк баатыр таркан көрэбир менен бирге көтөрүлүш жасаган соң Кабы хакандын колтугуна кирип кетмек болушат. Бул экөө тең Кабы хакандын күйөө балдары экен. Уйгур түндөсү аттуу жоокерлерди баштап чыгып, Томутту өлтүрүп салат. Жанран коргоочу мекемесинин орун басар башчысы Йуан Качин Уйгурга адам жиберип, калп эле аны коргоочу мекеменин башчысы болуп берүүгө чакырат. Уйгур эч кандай шектенбей, жетип барып ырахмат айтары менен тең Йуан Личин анын башын алып элге көргөзмө кылат. Падыша ал жердеги ар кайсы уруулардын ойлору бузулуп кетүүсүнөн кабатыр болуп, жоокерлер мекемесинин баш кишиси Сүй Дүнлини атайын чен тон менен жиберип, ал жерди тынчытат. Өлгөн Томутка сол кол ноён сангун деген атак берип, ага аза күтүү салтанатын аябай зор өткөзөт. Анын уулу Бананга сол коргоочу кошуундун ноён сангуну деген атак берип, аны атасынын милдетине мурастуу кылып отургузат. Көрэбир ордого келгенден кийин аны падыша кайра кетирбей коёт. Йуңхуй жыл санагынын 2-жылы (651-жылы) Асана Кара Бешбалыкка чабуул жасаган кезде, Банан 50 миң жоокерин баштап чыгып чөбө-кол сыяктууларга көмөктөшүп согушуп, Караны жеңишет да, Бешбалыкты кайра алышат: анан дагы Или жортуу кошунунун башкы башкаруучусу Рын Йашаң сыяктуулар менен бирге Алтынтиш тоосунда Караны дагы бир жолу кыйратып, оң кол ноён сангундукка көтөрүлөт. Кийин Ваң Ши менен бирге Көрыйага жортуул жасап дагы кызмат көрсөткөн.

Банан өлгөндөн кийин анын уулу Бий Согудук такка отурган. Куңшу жыл санагы жылдары (661–663-жылдары) Жанран коргоочу мекемесине карап келген уйгурлар Каңкай коргоочу мекемеси болуп өзгөртүлгөн. Анын чеби, чоң Чөлдүк менен чектелип, ага түндүк жактагы ар кайсы барча бектиктердин бардыгы карай турган болгон. Бий Согудук өлгөн соң, анын уулу Дөкек такка чыккан. Хан катыны Вузитиэн кезинде күрктөрдөн Бөкө чоро күчтүү чыгып, телелердин байыркы жергесин ээлеп алган. Ошол себептүү уйгурлар, чөбөлөр, изгилдер, гундар сыяктуу үч уруу эл Чөлдүктөн өтүп, Ганжу аймагы, Лийаңжу аймагынын араларына ооп көчө качышат. Таң сулаласы дайыма алардын кыл жоокерлерин тескештирип алып чыгып, Кызылсуу кошууну менен болгон согушка көмөктөштүрүп турган. Дүкөк өлгөн соң, анын уулу Бугду бек такка отурган. 2-жылы Таң сулаласына көмөктөшүп Бөкө чорду чаап алып өлтүргөн. Ана дагы бөлөк уруудан болгон эдиген, элтебир тоңра, сеп сыяктуулар менен бирге көчүп келишкен. Падыша аларды чоң жарактуу кошуундун түндүк жагына жайгаштырууну буюрган. Бугду бек өлгөндөн кийин, анын уулу Чың Зуң такка олтурган. Ал Лийаңжу аймагынын тутугу Ваң Жүндүн жалаа жабышы менен сүргүн кылынып кетип, Наңжу аймагында өлгөн. Ошондо уйгурлар ал иштен ыраазы болушпай, анын аталаш тууганы Каңкай мекемесинде сыма мансабын кармап турган ошол элдин тигиндей каарданып турганынан пайдаланып, Ваң Жүңдү өлтүрүп, Аншы жактагы ар кайсы бектиктердин ордого тартуу алып келүү жолун бөгөп салат. Кийин Чиң Зуң сыяктуулар түрктөргө кошулуп кетет да, ошол жакта өлөт.

Андан соң Чиң Зуңдун баласы Көлүк Бойла такка отурган. Как ошондо түрктөр ичинен ыдырап жаткан кез болот. Тийанбо жыл санагынын алгачкы жылы (742жылы) Бойла карлуктар менен бирге өздөрүн оң жана сол йапку деп жарыялаган. Андан соң алар басмылдарга көмөктөшүп, өзмүш каханды сүрүп чыккан. Үч жылдан кийин басмылдарга дүмөк салып кирип, аларды кыйраткан да, Элтириш каханды өлтүргөн. Биздин сулалага элчи жиберип, кат аркылуу жагдайды тааныштырган. Ошондон соң өзүн Куттуу билге кахан деп жарыялаган. Теңир уулу (падыша) аны адыл хан деген мансапка атаган. Эли түрктөрдүн байыркы жергесине жайгашкан ордосу өтөгөн тоосу менен Оркон суусунун арасында курулуп, түштүк жагы батыш өрөөнгө бир миң жети жүз чакырым аралыкта болгон. Батыш өрөөн дегени Хан сулаласы кезиндеги Гавжө чеби эле. Түндүк жагы таштуу колот, оозуна чейин 300 чакырым аралыкта болгон. Алардын тогуз урук эли бүт ушул чөлкөмдүн ичинде болгон. Тогуз уругу мына булар – йаглакар, кутургур, күрөмир, бакасекир, амуртек, касар, кугурус, йагмукар, кыйамыр. Йаглакар болсо уйгурлардын тек аты болуп эсептелет. Алар бугу, гун, байгур, тоңра, изгил, чүбөлөр сыяктуу алты улут менен тең даражада тең ата болушкан экен. Кийин басмыл, карлуктарды кыйратып, өзүнө кошуп алып, жалпы он бир урук болгон. Ал эми алар тутук коюп, он бир уруу эл деп аташкан. Ошондон соң качан согуш болсо, эки уруу алдында жүргөн. Падыша Көл Бойлага Куттуу билге кайрымдуу кахан деген атакты берген. Атак берүүгө жөнөткөндө ордонун алдына маараке салтын кенен жайып ордо бек бөлмөсүнөн арналуу элчи чыгарып, элчи ордо капкасынан жөнөгөндө арналуу напа араба менен падыша капкасына чейин узатылып барганда, ал жерден дагы ат котортуп минип, атайын чен тон кийип баскан, нөкөргө жол баштатып жөнөп кеткен. Айтор, кахандыкка коюу эле аземи өткөрүлөт экен, мына ушундай иштелип келген. Кийинки жылы Бойла дагы дүмөк салып кирип, түрктөрдүн Бекби каханын өлтүргөн. Анан Түнчор тарканды жиберип, ордого өздөрүнүн көрсөткөн кызматын сүйүнчүлөткөн. Ошондо бойлага сол кол коргоочулар кошуунунун тыштагы ноён сангуну деген атакты берген. Уйгурлар жерин барган сайын кеңирте берген: чыгыш жагы Сыбырга, батыш жагы Алтын-Тоого, түштүгү чоң Кумдукка тирелип турган. Теги байыркы хондордун жерин бүт ээлеп болгон. Бойла өлгөн соң анын уулу Мойунчор такка отурганда, атагын Кара кахан деп атаган. Ал согушта баатыр, черүүнү абдан башкара турган адам болгон. Ар жылы ордого элчи жиберип турган. Сузуң падыша такка отурганда, уйгурлар элчи жиберип, Анлусанга (өңлүк) каршы кол жөнөтүүгө макул экендигин айттырган. Падыша Дүнхуаң ханы Чиңлейге буйрук берип, алар менен убада түзүшүүнү буюрган. Андан соң бугу Хойон Дунхуаң ханын коргоп жеткирүүнү, жоокерликке элди чогултууну буюрган. Кахан ал иштерден кубанып, катынынын сиңдисин Чиңлейге берген. Анан тардушту ордого жөнөтүп кудалык айттырган. Падыша алардын дилин байлап турууну көздөп, уйгурлардын ханыш кызына Билге ханыш деген атак берген. Ошону менен кахан өзү черүү баштап чыгып, Шавфаңдын аталыгы Гозийи менен биргелешип тоңралардын ар кайсы урууларын чаап, аларды суу боюнда жеңип алып, андан соң Гозийи менен Хойон өрдөшүндө кошулган. Кахан жоокерлери өтө кыл болгон болуп, ал бүт жоокерин сапка тизип коюп, Гозийини баштап, бөрүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тууга жүгүнтүп, андан соң көрүшкөн.

Ошол кезде Сузоң падыша Пиңйуанда туруп жаткан эле. Кахан Караке деген элчисин ордого жиберген.

Падыша аны кош кылуу үчүн ага бирөөн жумшап төркү сарайга алдырып келип көрүшкөн. Андан алжагдай сураган соң анан кайра жеткиздирип койгон. Андан кийин ойон сангуну Долон сыяктууларды ордого жиберген. Дагы кахан улуу йапкуну төрт миң жоокери менен жөнөтүп, падышанын тескеп согушка салуусуна тапшырган. Падыша Билге ханышка хан катыны деген атак берген. Чиңлейдин мансабын көтөрүп башкы вазир кылган: кахан да Чиңлейди йапку деген даражага коюп, төртүнчү чен даража берип, аны йапку менен бирге армияны башкарууга койгон. Падыша дагы Гуаңпиң ханына буйруп, йапку менен агайын болууну айткан. Йапку аябай кубанып, Баш таркан сыяктууларды жиберип, Фупиң деген жерге алдын ала барып, Гозийи менен көрүшкөн. Гозийи аларды үч күн аябай конок алып сыйлаган. Ошондо йапку ыракмат сөз айтып: «Мамлекет кыйын абалга кезиккендиктен, мен көмөктөшүп бузукуларды жоюуга черүү баштап келдим, кечке чейин сый үстүндө отурууга батылым барбайт» деген. Гозийи ага болбой уландуу конок кылып, нече күнгөчө коё бербеген. Алар жолго чыкканда, ар күнү алардын жоокерлерине, жыйырмадан уй, эки жүздөн кой, кырк чейректен күрүч камдап турган.

Шаңжы согушунда, Фыңшүй суусунун боюна жоокер кошуу жайлашылган. Жоо жактын атчан жоокерлери падыша кошуунунун чыгыш жагына буктурма коюп, кокустан дүмөк салууга камданып турган. Бугулардын Койон дегени уйгурлардын жоокерлерине кол башчылык кылып көмөккө келип, буктурмада жаткан жоо жактын жоокерин бүт жылас кылган. Ошондон улай жоо жактын колунун арка жагынан келип, Жиңши, Бешбалык аталыгы Ли Сийенин колу менен жоонун черүүсүн кысып, согуп, дүрбөлөңчү жоону жеңип, Чаңанга кирип аны кайра алган. Бугулардын Койон деген кол башчысы уйгур, нанман араптардан куралган жоокерди баштап Чаңандын түштүк жагынан орой өтүп Чаншүй деген жерге ооча куруп, Шау аймагынын батыш жагына кошуун тигип, Шиңдийан деген жерде жоо менен согушкан. Алгачында, уйгур жоокерлери Чүйого келгенде, Йапку сангун Быштүбөт Бойланы түштүк тоонун чыгыш жагынан жиберип, колотто буктурмада жаткан дүрбөлөңчү жоону тинтитип таптырып, аларды бүт кырып, кошуунун тоонун түндүк жагына кондурган. Гозийи сыяктуулар дүрбөлөңчү жоо менен согушуп, аларды кууп жүрүп сокку берген. Ошондо дүрбөлөңчү жоонун колу башаламан болуп, кача баштаганда, уйгурлар аларды көрүп туруп, Шилиң тоосунан ашып барып, асаба-тууларын калкылдатып, сүр менен барып, дүрбөлөңчү жоонун аркасынан соккон. Дүрбөлөңчүлөр кайрылып согушканда, алар аны жеңген. Падыша колу жоону кууп он нече чакырым чаап барганда, адам өлүгү менен аттардын өлүгүн санагалы болбой калган. Чогулткан жарактарды үйгөндө тоодой болгон. Йанжуаң Ан Чиңшүнүн жөлөп чыгыш ордону таштап, түндүккө карай качып, Сары (Хуаңхы) дайрадан өтүп кеткен. Уйгур жоокерлери чыгыш ордону үч күн карактаган. Кадыресе, бузукулардын тукурушу менен өкүмөттүк казыналарды карактап кетишкен. Гуаңпиң ханы аларды тыюуга чамасы жетпеген. Ошондо ошол калаанын аксакалдары уйгурларга түмөн тактай торко кездемелерин тартуулап, суранганда анан карактоосун уйгурлар токтотушкан. Йапку ордого кайтып келгенде, падыша көптөгөн адамдарын тостуруп чыгарып салтанаттуу тосуп алган. Падыша алдыңкы сарайдын төрүндө отуруп, йапкуну үстүңкү секичеге отургузууга чакырган. Башка вазир, мансаптарлар сарайдын алдыңкы секисинде отурушкан. Адамдарынын бардыгына саймалуу буулум кездеме, алтын, күмүш идиштерди берген. Ошондо йапку ыракмат айтып: «Биздин жоокерлер Саванда тура турат. Мен барып ат алып келип, анан Фанйаңды алуу согушуна жардам берем, дүрбөлөңчү жоону жоготпой койбойбуз» деген. Анда падыша: «Мен үчүн ак жүрөк болуп, эрдик көрсөттүңөр, силердин кол кабыш кылышыңар менен биздин улуу иш ийгиликке жетти» деген. Ошону менен Йапкуну кол башчылык мансапка көтөрүп, ак жүрөк хан деген атакты берген. Анан ар жылы 20 миң тактай торко кездеме берүүгө буюрган. Аны Шуфаң кошунан алып алмай кылган.

Чанйуан жыл санагынын башкы жылы (758-жылы), уйгурдун элчиси Таңан Аба менен кара кийимчен араптардын баш билги кишилери сыяктуулар чогуу ордого келген. Ошондо алар улуулукту талашып калышкан. Ошондо ордо жасоолу аларды чыгыш, батыш капкадан бөлөк бир убакта киргизип алган. Уйгурлар куда болууга жуучулук айттырып келген. Алардын кулдук урганы падыша жагынан купталып, падыша кенже ханыш кызы Ниңгону аларга келин кылып берген. Анан Мойунчорго баатыр сүрдүү билге кахан деген атак берген. Падыша Ханжуң ханы (Ли ) Йүй ордо бектикке өкөлөтөн элчиликке, хан тегин оң кол башчы, ордо агасын (Ли Шүңдү) салт-санаа элчилиги болуп, Ли Йүйдүн орун басарлыгына коюуга буйрук түшүргөн. Коргоочу мекеменин оң мергени Бей Мийан чек арага чейин узатып келе турган болгон. Падыша ханыш кызын көчүргөндө өзү Шийанийанга чейин келип узатып, ага көптөгөн жубатуу сөздөрүн айткан. Ханыш кызы ыйлап туруп: «Мамлекеттин зор иши үчүн мен өлүп кетсем да силерди кектебейм» деген. (Ли) Йүй уйгурларга барган соң, кахан гуздардын тебетейин кырдап кийип, үстүнө кызыл тонун абдан бажоолоп кийип, ордосунда отуруп, кабылдаарда коргоочу кароолчуларды сүрдүү коюп, (Ли) Йүйдү падыша отурган үйдүн сыртына тургузуп туруп, мындай суроо берген: «Хан, сен Теңир хакандын эмнеси болосуң?» Анда Ли Йүй: «Теңир уулунун (падышанын) абасынын баласы болом» – деп жооп берген. Ошондо ортомчу киши Ле Лиңжун Ли Йүйдүн жогору жагында турган экен. Ошондо кахан дагы сураптыр: «Сен хандын жогору жагында турган эмне киши?», анда Ли Йүй айтыптыр: «Бу – ортомчу киши». Анда кахан айткан экен: «Ортомчу киши кызматкер болот, эмнеге сен хандын жогору жагына туруп аласың?» Ошондой дегенден кийин Ле Лиңжун дароо төмөнгө барып тура калыптыр. Ошондон соң анан Ли Йүйдү кахандын үстүнө баштап кирген экен. Ли Йүй жүгүнбөй турганда, кахан: «Эй мамлекеттин баш кишисин көргөндө жүгүнүп көрүшпөй турган каада болобу?» – дептир. Анда Ли Йүй айткан экен: «Теңир уулу (падыша) сиз кахандын көрсөткөн кызматыңыз үчүн өзүнүн сүйүктүү кызын сизге берип отурат. Жакынтадан бери Жуңго менен бөтөн улуттарга болгон кудалыкта келген кыздардын бардыгы падышанын перзенттеринен болуп жатат. Мына бүгүн көчүрүп келген ханыш кыз Ниңго да падышанын кызы, анда акыл, акылак-өң баары бар. Ошондо да ал түмөн чакырым жерге келип отурат. Сиз кахан, теңир уулунун (падышанын) күйөө баласы болуп калдыңыз. Ошого сиз каада менен көрүшсөңүз болот. Падышалык коолуну отуруп кабылдайсызбы?» ошондо кахан кыжаалат болуп кетиптир да, дароо тура калып тизелеп туруп, падышалык коолуну кабыл алыптыр. Эртеси, ханыш кызды катын деген урмат менен алган. Ли Йүйдүн алып келген буюмдарын бүт кахан ордодогу нөкөрлөрүнө таратып берген, анан Ли Йүй кайтып кетеринде 500 жылкы айдатып, суусар ичик, ак дуудун кездеме сыяктуулардан тартуу берген. Дагы кахан улуу Гүлчор тегин, жайсаңы Тегдик сыяктуулар баштаган үч миң аттуу жоокерди дүрбөлөңчү жоону жоготууга көмөктөшүүгө жөнөткөн. Падыша аларга бугулардын Койонун кол башчы болууга буюрган. Кийин уйгурлар дагы Ойон Гай сангунга үч кыз коштоп, кудалык ыракматын айттырып жөнөткөн. Алар кыргыздарды чаап алгандыгы жөнүндөгү көрсөткөн кызматтарын ордого кошо маалымдаган. Кийинки жылы Гүлчор тогуз аталык менен бирге Шаңжу аймагынын согушуна кирген. Хан кошууну жеңилип калып, Теңдик сыяктуулар ордого кире качкан. Падыша аларды жубатып, мактап сыйлык берген соң, кайра кетирген. Ошондон көп өтпөй кахан каза тапкан. Ал мамлекеттегилер ханыш кызды (катынды) кошо көммөк болушат. Ошондо ханыш кыз: «Жуңголуктар эри өлсө, эрте-кеч түлөө (назыр) өткөрөт. Аза күтүү мөөнөтү үч жыл болот. Ошондо анан аза зыйнаты бүтөт. Уйгурлардын түмөн чакырым жолду алыс көрбөй куда болуп, келин алып келиши тегинде Жуңгого берилгендиги, мен кахан менен бирге көмүлбөйм» деген. Ошону менен ал иш болду кылынган. Бирок алардын салты боюнча, бетин тилип, кандуу жаш чыгарып ыйлаган. Соңунда андан перзент болбогондуктан, Таң ордосуна кайтып келген.

Ошондон мурда, Йапку так мурасчы уул кылмыштуу болуп, өлтүрүлгөн эле, ошондуктан экинчи уулу Эдиген такка олтуруп, Мойо кахан деп аталган. Мунун аялы бугулардын Койон дегендин кызы экен. Мурда кахан кичи уулуна бизге жуучу жиберген экен, ошондо падыша бугулардын кызын аларга бердирген, ал азыр катын деген мансапта болуп калган. Кийинки жылы Күлик баатыр таркан вазири сыяктууларды ордого жиберген. Кадыресе, ал элчилер ханыш кыз Ниңгого амандык сурашып, учурашышкан. Падыша ал элчилерди Йанйың сарайында кабылдаган.

Дайзуң такка отурган соң, Шы Чавйы али жексен боло элегин билип, арачы киши Лыйу Чыңбыйавну көөнө достукту калыбына келтирип, алардан черүү көмөккө келүүсүн суратып жиберген. Ал арачы элчи барган кезде, уйгурлар Шы Чавйынын калп сөзүнө ишенип алышкан болот. Ал мындай деп калп айткан: «Таң падышанын ордосунда өтө чоң өлүмдөн удаа бир нечеси болду. Мамлекети ээсиз калды, эми алардан тополоң чыкпай койбойт. Уйгурлар мына ушул кезде Таң сулаласына черүү аттантыңыздар, ал жерде мамлекеттик казыналарды алуу керек. Ал жерде жаткан байлык дегенди санап болголу болбойт». Кахан ошол сөздөн улам колун түштүккө аттанууга коолу түшүрүп болгон болот. Бул – Бавйың жыл санагынын башкы жылы (762-жылы) болгон иш экен. Лыйу Чиңбыйав падышанын буйрук катын алып, хакандын ордосуна киргенде, хакан: «Айтууга караганда, Таң сулаласы кыйрап болгон турса, кандайынча кайра элчилик келип жүрөт?» – деп таң калган. Анда Лыйу Чиңбыйав: «Алдыңкы падышаны көктүн түбүнө кирип кетти (кайтыш болду) деген менен, Гуаңпиң ханы ал такка олтурган, бул адам да кайрымдуу, баатыр болуп алдыңкы падышага окшош эле, баягыл Йапку менен бирге согушуп, 2-ордону тартып алып, Ан Чыңшү сыяктууларды кыйраткан. Кахан менен байланышы аябай тыгыз болуп келген, кадыресе, Таң ордосунан ар жылы уйгурларга буулум-дуудун кездемелер келип турганын унуткан окшобойсузбу?» – дептир. Мына ошол учурда, уйгурлардын черүү жортуулу үч коргондон өтүп кеткен болот. Оодан, аймактар дүрбөлөңдөп, кароол, чептерди коргоочу жок калган кезин көрүшөт. Ошондо Таң ордосун көзгө илбей кетишет. Кахан түндүк жактагы Теңиркут мекемесинин аштык кампаларын, ат улоолорун алдырат. Көп жолу Лыйү Чиңбыйавну сөз менен басынтат. Лыйу Чиңбыйав астыртан адам жиберип, падышага минтип маалымдаган: «Уйгурлардан 100 миң черүү чепти буза коюп өткөлү жатат». Муну уккан соң ордодо аябай сестенүү болуп, ордо беги Йавсаңды жоокер баштап чыгып, аларды чалгындап келүүгө жөнөткөн. Ал Тейуанда уйгурлардын колу менен беттешкен. Анын чалгындоосунда алардын (уйгурлардын) черүүсү араң эле төрт миң экен. Кары-жаш бардыгын кошкондо зорго түмөн гана киши болуп, ат улоосу 40 миң экен да, алар менен бирге катын (кахандын катыны) да келген экен. Падыша бугу уруусунун Койонун каханды сөзгө көндүрүүгө жиберген. Кахан да кат жазып, элчи жиберип, Теңир уулуна (падышага) көмөктөшүп, дүрбөлөңчү жоону жоготууну каалай турганын билдирген. Уйгурлар Фугуанга кирип, Шаван аркылуу чыгышка карай черүү салып, дүрбөлөңчү жоону кыйратууну билдирет. Анда Йавзыйаң «Дүрбөлөңчү жоо чыккандан бери, аймак, оодандар аябай мажирөөлөшүп кетти, жоокерлерди камдоого жетише албайт. Жана келип, дүрбөлөңчү жоо болсо чыгыш ордодо жатат, эгер биз Жыңжыңдан кирип, тике эле Шыңжу аймагын, Лойаң, Выйжуа аймагы, Хуайжу сыяктуу аймактарды алып, дүрбөлөңчү жоонун байлыгына ээ болуп, андан соң түштүккө черүү тарткан жөндүү болот» деген сунушун берген. Ага кахан болбой койгон. Йавзыйаң дагы: «Анда эмесе, Хуайжу аймагынын Тайхаң жолун колго келтирип, түштүгүндө Кыйаңга барып турсак, жоону алкымдан алган болобуз» деген. Кахан буга да ынабаган. Йавзыйаң кайра: «Эмесе, Таййуан кампасындагы аштык менен камданып туруп, чыгышта Шанжуга конуштанып, Зылу, Хынан, Хуайжыңдагы колдорго кошулсак болот» деген сунушун койгон. Уйгурлар муну жөн көргөн.

Ошондо Йуң ханын бүткүл кошуунга кол башчы кылып бекиткен. Йавзыйаңды мурдагы мансабына кошторлоп көтөрүп, билеселүү сардар деген мансап берген.

Оң канат коргоочу кошуундун сангуну Вий Жүнү оң-сол кошуундун жасак башчысы, катчылар бөлүмүнүн беги Вий Шавхуаны башкы кол башчынын буйрукчусу, жасак башы Ли Жынды жортуулчу кошуундун сымалыгына коюп, чыгыш жакка барып, уйгурлар менен баш кошуу жөнүндө падышалык буйрук түшкөн. Баш кол башчыга бардык жортуулчу кошуундун алдында жүрүп, жер-жерлердин аталыктары менен Шанжу аймагында баш кошуу буйрулду. Ошол кезде, кахан колу менен Шанжу аймагынын түндүк жагында туруп жаткан экен. Йуң ханы ага барып көрүшкөн. Ошондо кахан Йуң ханын бөгүлүп келип, каханга урмат саламын бербедиң деп сөккөн. Анда Йавзыйаң чечмелеп: «Йуң ханы болсо падышанын тукуму, ушул күндө анын атасы, чоң атасы эми эле каза болуп, жерлигине коюла элек, азалуу жүрөт, ошого бөгүлүп жүрбөсө деле болот» деген. Анда уйгурлардын жайсаңы каяша суроо берип: «Кахан Таң сулаласы Теңир уулунун (падышанын) иниси болгон, бул хан үчүн айтканда, абасы болот десек болот, ошого ал көрүшкөндө бөгүлүп келип көрүшпөсө кантип болот?» – дейт. Анда Йавзыйаң болбой эле: «Биздин башкы кол башчы болсо, Таң ордосунун так мурасчы уулу. Келечекте Жуңгонун баш кишиси болмок, анан кантип каханга бөгүлүп олтурсун?» – дейт. Уйгурлардын вазирлери Таң сулаласынын бул адамдарын кепке көндүрө албастыктарына көзү жеткен соң, Йавзыйаң, Ли Жын, Вий Шавхуа, Вий Жүлөрдүн ар бирине жүз токмок урдурган. Вий Шавхуа менен Вий Жү ошол түнү эле өлгөн. Йуң ханы кошуна кайтып келген. Кошундагы сардар, кол башчылар, Йуң ханынын кордолгонуна чыдабай, биргелешип уйгурларды өлтүрүүгө камданышат. Анда Йуң ханы Ши Чавйинин тополоңу али басыла электигин көздөп, аларды жөн тургула деп тыйып койгон.

Ошондо бугулардын Койону менен уйгурлардын сол шады алдыда жүргөн. Шы Чавйы арага ириткилик салууну көздөп жүргөн. Сол шад баканоозду кармап алып, хандын кошуунуна тапшырып берген. Кадыресе, алар орток дүрбөлөңчү жоо менен согушкан. Согушуп отуруп Кыңшүй суусуна жеткенде, Шы Чавйиге жетишип, чыгыш ордону кайтарып алышкан. Кахан Баргана деген адамын Теңир уулуна (падышага) жиберип, ал ишти сүйүнчүлөтүп Шы Чавйынын туусу сыяктууларды тартуу кылган. Йуң ханы Лиңбавго кайтып кеткен. Кахан Кыйаңда тыныгып, ошол жерде үч ай туруп калган. Ошол турган жериндеги элди карактап-кордогон. Бугулардын Чаң дегени уйгурлардын жоокерлерин баштап, Шы Чавйы менен каарлуу согушуп, кан майдан согушу эки миң чакырым жерге чейин сүрүлгөн. Соңунда Шы Чавйынын башын кесип келген. Ошону менен Хыбийдын бардыгы тынчыган. Бугулардын Койону Шаңжу аймагындагы батыш тоосунун чатынан кайра кайтып, кахан Зы, Лу аймактары аркылуу барып Койон менен кошулган да, ошондон Таййуан аркылуу кетишкен.

Ошондон мурда, уйгурлар чыгыш ордого барганда, жоокерлер бүт карактоого өтүшкөн. Ал жердеги элдин бардыгы Ыйык будкана менен, Боз ат будканасы деп аталган будканаларга жашырынышып калган. Анда уйгурлар ого бетер каарланып, ошол будканаларга өрт койгон, ошондо түмөндөн көп адам өлгөн. Ошондон баштап алар ого бетер жинденишип, ал жердин мансаптарларын ашатып сөгүшүп, иттей кордошкон. Ал тургай, түндөсү жоокерлерди баштап барып, Хангуаңмин капкасын кыйратып, чет эл менен байланыш түзүү мекемесине кирип барышкан. Ошол кезде, Шанжу аймагынын аталыгы Гойиңйи Чыгыш ордону кайтарып турган экен. Йучавын менен Чавфаң жоокерлери да обу жок кылыкты аябай иштеген. Алар да уйгурлардын зомбулугун көрүшүп, Ружу аймагы Жынжу аймагы аралыгында карактоону аёосуз алып барып, айыл элинин үй-жайын коюшпаган. Жылаңач калган эл кагаз менен этегин жаап жүрүүгө аргасыз болушкан. Мына булардын иштеген жоругу дүрбөлөңчү жоодон да ашып түшкөн.

Падыша Вий Шавхуа сыяктуулардын ачыныштуу өлгөнүн эскерип, өлгөн Шавхуага сол атчандар кошуунунун нөкөрү, өлгөн Вий Жүгө Йаңжу аймагынын ойон тутугу деген атактарды берип, алардын балдарын алты даража мансапка койгузган. Каханга «Инди Теңири кутмуш Алып Күлүк адилетчил кызмат көрсөткөн Билге кахан» деген атакты, анын катынына «Бамык жайнаган Билге катын» деген атакты берип, аттуулар кошунунун нөкөрү Ваң Йыны элчи кылып уйгур ордосуна жөнөтүп, жогорку атактарды жарыялаткан. Кахандан тартып жайсаңына чейин бардыгына 20 миң түтүн бөлүп берген. Дагы Сол шадга Шыйүңни ханы, оң шадга Ныңшо ханы, кол тутукка Алтынкол ханы, Булаң сангунга Чөлдү тынчыткан хан деген атактар берилген. Он тутуктун баары өкүл аталыкка коюлган.

Йуңтай жыл санагынын алгачкы жылы (765-жылы) бугулардын Койону чыккынчылык кылып, көтөрүлүш чыгарып уйгурларды, тибеттерди чабуул коюуга жээликтирген. Көп өтпөй Койон каза тапкан. Ошондо эки туткун башчылык талашкан. Уйгурлардын баш билги кишиси астыртадан Жиңйаңга барып, Гозийи менен көрүшүп, өзүн анын алдында милдетке коюуну суранган. Гозийи оң-сол кошунун баштап уйгурлардын кошуна келген. Анда уйгурлар: «Аталык, сизди көргүбүз бар» дешкен. Ошондо Гозийи туу сайган капканынын алдына чыккан. Уйгурлар дагы: «Туулга, соотторуңузду чечиңиз» деген, Гозийи соотун чечкен. Ошондо алардын мансаптарлары: «Чыныгы, Го аталык экен да» дешип кеткен. Ошондо Ли Гуаңжин, Лу Сигуаң аттарын жетелеп анын жанында турган экен. Гозий алардын башчыларына тигилерди тааныштырып: «Мына бул болсо, Вийбейдин аталыгы Ли баатыр деген болот, тигил болсо Шофаң колунун оорук башкаруучусу болот» деген. Анда тигилердин башчылары аттарынан түшө калып, салам берген, Гозий да атынан түшө калып, алардын саламдарын алик алган. Алардын жоокерлеринен жүздөгөн адам чогулуп карап турган. Аңгыча Гозийинин жоокерлери да жетип келген. Гозийи оң-сол кошуун жоокерлерин чегинүүгө буйрук берип, ошол жерде дасторкон жайып, аларды конок алган. Үч миң тактай жибек кездеме тартуу кылган. Андан соң кахандын иниси Алп Колик сыяктууларды жанына чакырып келип, алардын колунан кармап туруп: «Падыша уйгурлардын өткөргөн кызматын эстен чыгарбай, силерге жакшылыкты аябай жасаган эле, эмнеге чыккынчылык кылып кайра каршы болдуңар? Мына эми согушалы десек, туруп эле багына калдыңарбы? Мына мен жалгыз силердин кошуңарда турам. Силер мени өлтүрсө ңөр, силерди тигил менин жоокерлерим өлтүрөт» – деп жекирген. Алардын мансаптуулары ынанган тарызда: «Койон бизди алдады да: – Таң ордосунун Теңир уулу (падышасы) түштүккө качып кетти. Аталыкты да кор таштады, – деп алдагандыктан келгенбиз, Теңир кахан (падыша) да бар экен, аталык өзүңүз да жакшы турупсуз. Эми биз тибеттерге кайра сокку берип, өз күнөөбүздү актайбыз. Бирок Койондун улуу катындын (мансап) иниси эле, ошонун жанын сурайбыз» дешкен. Ошону менен Гозийи аракты колуна алганда, Колик ушул аракты ант катары ичип жиберсек деген суранычты айткан. Анда Гозийи ант айтып: «Таңдын теңир уулу (падыша) жашасын, уйгурлардын каханы да жашасын, эки мамлекеттин кол башчылары менен жайсаңдары да ошондой болсун. Кимде ким антынан айныса, кан майданда өлсүн, үй-бүлөсүнө кыргын келсин!» деген. Ошол кезде уйгурдун жайсаңы баатыр Баха таркан, Түн баатыр таркан сыяктуулар Гозийинин ант сөзүн угуп, сүрдөнө түшүшкөн да, өздөрүнө арак кезеги келгенде: «Мына азыр аталык айткан ант боюнча бололу» дешип ичишкен. Мурда уйгурлардын эки бакшысы керээт айтып: «Бул жолку черүү аттанууда согушуу болбойт, улук адам менен жолугушуп кайтасыңар» деген экен. Бардыгы ошолордун айткандарын эске алып, күлүп кетишиптир да: «Бакшы бизди алдабаган экен» дешип калыптыр.

Шуфаң алдыңкы чеп кошуунунун кол башчысы Бай Йуангуаң уйгур кошууну менен Лиңтейде кошулушкан. Ал күнү катуу борошолуу кар жаап турган экен. Тибеттер капкаларын бекитип, кароолдору кетип калган кез экен. Жоокерлер дүмөк салып кирип, 50 миң адамдын башын алган, түмөн адамды кармаган. Жылкы, төө, уй, кой сыяктуу малдан сансыз олжо алган. Мурда Таң сулаласынан туткунга кеткен беш миң түтүн элди кайра алып келген. Бугулардын Миңжен багынып, Колик тутук сыяктуу 200 адам ордого келген. Падыша аларга берген буюм санаксыз болгон. Гозийи бугулардын Миңженин баштап барып, падыша менен көрүштүргөн. Миңжен болсо, Койондун акесинин уулу болуп, аябай баатыр кол башчы экен. Далы жыл санагынын 3-жылы (768-жылы) Гуаңчын катын өлгөн. Падыша оң кол аттуулар кошуунунун кол башчысы Шийашени атайын чен тон менен ага аза күтүүгө жиберген. Кийинки жылы Койондун кенже кызын урмат ханыш кыз деген атак берип, аны каханга алып берип, кахандын жумушуна кол кабыш кылган. Жоокерлик мекеменин башчысы Ли Хан атайын чен тон менен барып, катындык мансапка коюуну жарыялап, торко-дуудун кездемеден 20 миң тактай белек кылган. Ошол кезде ордонун казынасы жупунулашып турган кез болгон. Алып бара турган белек-бечкекти бардарлардан ат, төө унаалап чогултуп, ошолорго жүктөп жеткизилген.

Жайсаң Жуңвийчав көпүрөсүнөче узатып келген.

Уйгурлардын ордодо калган бир топ черүүсү базарда жүргөн адамдардын уул-кыздарын карактаган. Ат менен Хангауңмин капкасын омуроолоткон. Падыша коргонуунун капкалары бүт бекитилмей болгон. Падыша Лыйү Чиңбыйавго буйрук берип, аларды тыюуну айткан. Кийин алар дагы эле элдин буюмдарын зордуктап тартып алмайын койгон эмес, Чаңан акими Шавйуандын минген атын түшүрүп алганга чейин барган. Байланыштуу мекемелердин аларды тыюуга батылы барбаган. Чианйуан жыл санагынан (758–759-жылдардан) кийин ого бетер обунан ашып чыгышкан. Бир жылкы тартуу кылса, кырк тактай жибек кездеме сурай турган болгон. Ар жылына нече түмөн жылкы алып келип сатып турган. Элчи деген удаа келип, чет эл байланыш мекемесине жатып-түнөп жүрө берген. Алып келген жылкылары, арык-торук жарамсыз болгон. Падыша аларга өзгөчө сый көрсөтүп уялткан. Уйгурлар аны билишпей, дагы түмөн жылкы сүрүп келип салган. Падыша элге салык сала берүүгө чыдабай, анын 6 миңин гана сатып алган. Дали жыл санагынын 10-жылы (775-жылы) уйгурлар көчөдөн эле адам өлтүргөн, ордо беги Ли Ган канкорду кармап берсе, падыша анын кылмышын сүрүштүрбөй коё берүүгө буюрган. Кийин чыгыш базарда дагы адам өлтүргөн. Базардакы адамдар канкорду байлап алып, Түмөн жылдык абак дегенге алып барып берген. Алардын башчысы келип, абакты буза коюп кирип, абактын башкаруучуларын өлтүрүп, жарадар кылып кеткен.

Астанадагы эл алардан жак тойгон.

Дали жыл санагынын 13-жылы (778-жылы) уйгурлар Жинвуга дүмөк салып Доңжыңды чаап, Таййаунды оторлоп алган. Хидуң аталыгы Бавфаң Йаңчү деген жерде согушуп, Бавфаң жеңилип чыгат. Уйгурлар түмөн адамды өлтүрөт. Дайжу аймагынын тутугу Жаң Гуаңшың Йаңхугу колотунда алар менен согушуп жеңип чыгат. Уйгурлардын черүүсү кайта баштайт.

Дызуң (Ли Күво) падыша такка отурганда, арачы жиберип, аза-каза кабарын айттырып, көөнө достукту оңдоп алуу жөнүндө айттырат. Ошол кезде тогуз гуздар каханга чабуул коюу жөнүндө акыл айтып жаткан, кахан да чепке чабуул жасоону ойлоп жаткан кези экен. Ошого барган элчини ызаттабай койгон. Ошондо Түн баатыр таркан: «Таң болсо улуу мамлекет, бизди эч качан зыянга жыгып көрбөгөн. Өткөндө Таййуанга чаап кирип, нече түмөн кой, жылкысын сүрүп келдик, бирок биздин жерге келген соң эле ал мал бүт өлүп калды, же тозуп жоголду. Мына эми дагы чабуулга аттанганы жатабыз, кокус жеңишке жетпей калчу болсок, кайра кайтып келер жерибиз барбы?» деген. Бирок ага кахан болбой койгон. Түн баатыр аябай каарланып, каханды өлтүрүп, андан калган, анын жакын тобундагыларды жана тогуз гуздардан болуп эки миңдей адамды өлтүрүп салган. Өзүн Алп Куттуу Билге кахан деп атаган. Таңгын тарканды Таң элчисине кошуп ордого жиберген. Жаңжуң жыл санагынын башкы жылы (780-жылы) ордо беги Шавйынйуан падышалык буйрук боюнча атайын чен тон менен барып, Түн баатырга адилет үчүн согушуп ийгиликке кол жеткирген кахан деген атакты жарыялаган.

Мурда уйгурлар Жуңгого келгенде, дайыма тогуз гуздар менен бирге келчү экен да, ордого жатып-түнөп жүргөн. Алар көп болгондо миңден адам болуп, алар аз болбогон дүйнө-мүлк чогултуп алышкан. Ошондо мансаптарларына Туртун, Эмиш, чоң-кичи буйлалары сыяктуулар мамлекетине кетерде артынып-жүктөнүп алып жүргөн. Жынвуда үч айлап түнөк алып турганда, камдоосу аябай мол болуп, каржы аябай кеткен. Жоокер башы Жаң Гуаңшы тымызын байкап жүрүп, алардын таарларга кыздарды салып алып жүргөнүн билген. Муну Жаң Гауңшы изчилерге таарды шибеге менен сайгылатып көрүп анан билген. Ошондон улам укканга караганда, алар Түн баатыр такка чыкканда, көптөгөн тогуз гуздарды өлтүргөн. Ошого булар кетүүгө батыл кыла албай турган имиш. Алар ар дайым качууга даяр экен, бирок Туртундун кайтарып-тойторуусу аябай бек болгон. Ошондо гуздар Жаң Гуаңшыга айла-амал айтып, уйгурларды кырып таштаган жөн деген. Жаң Гуаңшы ага макул болуп падышага: «Уйгурлар мурдагыдай күчтүү эмес, азыр тек тогуз гуздар гана аларга көмөктөшүп турат, алар өз ичтеринен ирип турган кези. Жоо болсо пайданы гана көздөгөн эл. Байлык пайда болбосо алар ар жакка тозуп жоголмок. Эгерим, биз ушул мөөрттү кетирбей, аларды багынтып албасак, кадыресе, аларды жерине жеткирип койсок жана келип аларга мал-мүлк берип турсак, как эле аталар сөзүндө айтылган «Жарагыбызды бере туруп чаптырган, аштык чөбүбүз менен ууруну багып уурдаткан» болобуз. Ошондон улам орун басар, кол башчылар уйгурларды урмат кылбай койгон. Туртун андан ачууланып, орун басар, кол башчыбызды камчы менен сабаган». Жаң Гуаңшы жоокерлерин чогултуп, уйгурларды жана бир топ гуздарды кырып салган. Төө, нече миң жылкы, жүз миң тактай дуудун кездемелерди чогултуп алган. Ошондон: «Уйгурлар биздин кол башчыны сабаган, Жыңвуну тартып алмак болуп камданышкан, ошого аларды мурда өлтүрдүк» деп айттырып, кармап кетип бара жаткан кыздарды кайра Чаңанга жоокер кошуп жөнөткөн. Падыша Жаң Гауңшыны ордого чакыртып алып, анын ордуна Пиң Лиңфаңды кызматка койгон. Арачы кишини уйгурлардын элчиси Йүт тарканга кошуп болгон ишти түшүндүрүп келүүгө жөнөткөн. Ушул иш аркылуу уйгурлар менен байланышты үзгүсү да келип калган экен. Анан Йуаншуга Таййуанда буйрук күтүп тур деген коолу түшкөн. Кийинки жылы ал аттанып, Тортун сыяктуу төрт адамдын сөөгүн жеткирүүгө жөнөгөн. Тортун кахандын абасы болот экен. Йуаншу барганда кахан вазирине унаа даярдатып, алдына чыгарган. Алардын башкы вазири Ыганкас чөгөлөп отуруп алып, Йуаншу сыяктууларды Тортунду өлтүрдүңөр деп сөккүлөгөн. Ошондо Йуаңшу: «Тортун менен Жаң Гуаңшы жекече беттешип өлдү. Бул падышанын буйругу эмес эле» – деп айткан эле. Анда баш вазир кайра: «Элчилер өлүм кылмыш өткөрдүңөр, Таң өздөрү кесим кыла турган ишти, калп экем бизге түртө салган го?» – дептир. Аны бир кыйладан соң анан басылтышкан. Йуаншу сыяктуу адамдардын башында өлүм турган. Алар ошол жерде 50 күн күткөн болсо да, кахан менен көрүшө алышпаган. Кахан адам жиберип: «Биздин адамдар сени өлтүрүп, кек алабыз дешип туруп алышты, тек мен гана сени өлтүргүм келбеди. Тортун сыяктуу адамдар эчак өлдү. Азыр сени өлтүрсөк кудум кан менен канды жуугандай болот да, балиттин үстүнө балит чаптагандай иш болот. Мен суу менен канды жуугум бар. Ошондой болсо жакшы болбойбу? Мен үчүн байланыштуу жерлериңе айт. Жылкы саткандагы бере албай карыз жүргөн бир миллион сегиз жүз миң акчаны бат алып келип берсин» – деп, Йуаншуга айттырган. Кахан бөлүмчө кошуундун сангуну Каңша Кишимди Йуаншуга кошуп ордого жиберген. Падыша бардыгын кечирим этип, акча-байлык бердирген.

Үч жылдан соң уйгурлар ордого элчи жиберип, тартуу берген, кудалыкка жуучу айттырган. Падыша алдыңкы иштерден көөнү тынбагандыктан, жайсаң Ли Биге мындай деген: «Куда болуу ишин кийинки биздин урпактарга койгонубуз жөн кептенет. Азыркы кудалыкка мен ынабайм». Анда Ли Би: «Таксыр, мурдагы Шанжу аймагында болгон ишти кектеп жатасыз го?» деген. Падыша: «Ооба, ошондо бизге оорчулук болуп жаткан кез, мен арымды актай албай калганмын. Эми элдешүү дегенди айтуу болбойт» деген. Дагы Ли Би: «Вий Шавхуа сыяктууларды кордогон Мойо кахан эле. Ал таксыр такка чыкканда өч аларын билип, алды менен бизге чабуул коюуну көздөгөнү. Бирок черүүсү аттана элек жатып, азыркы кахан аны өлтүргөн. Азыркы кахан такка отурары менен бизге элчи жиберип, өзү чачын сапсайткан боюнча коё берип, күнөөсүн мойнуна алып, Сиз, Теңир уулунун бир жаңсыл кылуусун күткөн. Жаң Гуаңшы Тортун сыяктууларын өлтүрүп салганда, алар элчилерибизди кармап туруп алганы менен, соңунда кайра аман-эсен келип олтурат. Муну кылмыш деп айтпасак да болор» деген. Анда падыша: «Сенин айткандарыңдын жөнү бар, бирок Шавхуа сыяктуулардын алдында күнөө көтөргүм жок. Кантүү керек?» деген. Ошондо Ли Би: «Менимче, таксыр, Шавхуаларга күнөөлүү эмессиз, кадыресе, Шавхуа таксыр сизге кечиримдүү бекен дегим келет. Ошондо түндүктөгү барча элдин башчылары өздөрү келип, биздин оор күнүбүзгө орток болгон. Ал кезде таксыр, өзүңүз бөтөн элде туруп жаткансыз, али жаш элеңиз, жеңилдик менен дайрадан өтүп, алардын кошуна кирип барып, жолборстун уюгуна кирүүгө батыл байлап калган. Шавхуалар үчүн айтканда, мурда уйгурлар менен көрүшүү мааракесин кандай өткөрүү жөнүндө акылдашып койгону жөн болчу. Анда биздин адамдар карамдыкка салып койгон жерлери да бар. Ошондо таксыр, өзүңүз жалгыз шуп этип кирип барсаңыз кантип болсун? Мен мурдагы падышанын жортуулчу кошуунунун сымасы болуп турган кезде, Йапку так мурасчы уул бизге келмек болуп калды. Ыраматылык падыша мага буйрук берип, аны кол башчылык мекемесинде конок алууну айтты. Биз бирге черүү аттантуу ишин кеңешүүдөн мурда аны менен көрүшкөн жокпуз. Ошондо Йапку мени өз кошуна чакырган эле, бирок падыша болбой койду. Мен: «Үй ээси конокту күтүү гана бар, кантип конокко мейман болуп барсын» – деп жоокатып тим болгомун. Чыгышка барып, ал Астананы алган кезде, аны менен болжошуп: «Жер менен эл биздики болсун, асыл таштар, дуудун-торко кездеме, ургаачылар уйгурлардыкы болсун» – деп бүтүшкөнбүз. Шаңжы согушу жеңишке жеткенде, йапку опсуздук менен карактоого камданып калган. Ошондо Гуаңпиң хан (Дейзуң) аттан түшө калып тизелеп туруп, андай кыла көрбөңүз деп суранган. Уйгурлар ошондо анан чыгышты көздөй Лойаңга жол тарткан болчу. Мына ушундай болгон, эмгиче ойлосом, улуу Таңдын кол башчысы Йапкунун атынын алдында тизелегенине аябай арданып келем. Бул анын жан-жөкөрлөрүнүн кетиргени эле. Бирок ыраматылык падыша: «Гуаңпиң хан кайрымдуу, күйүмдүү чыкты, ал мен үчүн жакшы иштерди жасап берди» – деп мактап, кечирүү жөнүндө коолу түшүргөн болчу. Йапку Мойу кахандын абасы экен. Мойо келгенде, таксыр, өзүңүз падышанын улуу уулу катары ага таазим этпегенсиз, кахан деле сиз таксырга урмат кылбай коё алган эмес эле. Мына ушундан сиздин баш ийбестигиңиз көрүнүп турган болчу. Ыраматылык падышабыздын өз кезинде Йапкуга ийилгени ордо калааны аман алып калуу үчүн болгон: таксырдын каханга ийилбей койгону буруу элге өз сүрүн чыгарганы болгон, анда эмне өкүнө турган жери калды дейсиз? Шаңжы, Шанжу аймагында өткөн иштерди тергей келгенде, ийилген дуруспу, же болбосо сүр көргөзүү дуруспу? Мисал үчүн, ошондо Шавхуа сыяктуулар сиз таксырды кахан менен көрүштүргөн болсо, сизди кахан ордосунда алып калып, беш күн сайрандатып конок алса, элдин каары кайнап кетет беле? Теңир өзү колдоп, чөө бөрүлөр көнүп, Мойунун энеси сизге суусар ичик жаап, нөкөрлөрдү ары тургула деп жекирип, таксыр өзүңүздү аттантып, өзү ошол турган коштун капкасынан чыгар узатып келген. Мына ушул иштен көрүнүп турганы, Шахуалардын сиз таксырдын алдында кетирип койгон жерлери бар. Эгерим, Мойу каханда кылмыш бар деле дейли, аны азыркы кахан өлтүрдү эмеспи. Азыр тактыда отурганы Мойунун тайы болот. Ал адамдын көрсөткөн кызматы бар. Аны кантип унутканы болот? Уйгур каханы ташка: «Таң элчилиги келсе, менин мурдагы-кийинки көрсөткөн кызматымды биле жүрсүн» – деп чектирип, аны капкасына койдуруп коюптур. Мына бүгүн элдешүүнү суранып келип олтурат. Түштүккө күдөр байлаган көрүнөт. Эгерим, таксырым, ага жооп бербесеңиз, алардын кеги тереңдей берип жүрбөсүн. Каййуан жыл санагы мезгилиндеги сыңарындай алар менен кудалашууга макул болуп, анан бир бек убадага келишсек, алып айтсак, алар мурдагы түрк каханы сыяктуу бизге букара экенин айтышсын, ар жолу элчиликке келгендер 200 адамдан ашпасын, жылкы сатканда саны миңден көп болбосун. Таң сулаласынын адамын алып чыгып кетпесин деген сыяктуу шарттарды койсок, ушундай иштесек, эмнеге болбойт экен» деген. Анда падыша: «Айтканыңдын жөнү бар» – деп ынаптыр да, ханыш кызын аларга бермек болгон. Уйгурлар да Таң ордосунун койгон убада-шарттарына ынаган. Ошону менен Жан Ан ханыш кызды каханга берүү жөнүндө падышалык коолу түшкөн. Дагы уйгур элчиси Алып Күл таркан Линди сарайында ханыш кыз менен көрүшсүн, ал эми арачы адам жиберип, ханыш кыздын сүрөтүн каханга алып барып берсин деген падышалык коолу да түшүрүлгөн.

Кийинки жылы, кахан жайсаңы Эдиз тутук сыяктуу миңден көбүрөөк адамын, дагы карындашы Куттуу билге ханыш кыз баштаган мансаптарлардын аялдарынан болуп 50 аял ханыш кызды көчүрүп келүүгө жиберген, алар калыңдык алып келишкен. Эдиз (тутук) Жынвуга келгенде, ортодон сыбырлар чыга калып карактаган, салгылашта Эдиз өлгөн. Эдиздин калган 700 адамын ордого кирүүгө падышалык коолу түшүп, алар Куңлу сарайына түшкөн. Падыша Йаншымын капкасына чейин барып, элчилик менен көрүшкөн. Ошондо кахан кат жазып: «Мурда ага-инидей элек, бүгүн күйөө болуп отурам. Күйөө деген бизде жарым уул катары эсептелет. Таксыр, эгерим, батыш нумдар элиңизге катылса, балаңыз ордунда жоокер аттантууну суранып барып, жооңузду жоксон кылууга даярмын» – деп жазган, дагы кийин Хуй Хи (** ) деген жазылышты өзгөртүп, Хуй Ху (* ) (* ) деп жазууну суранган, анткени улутубуз кыраандык жагынан шумкарга окшойт, ошого (* ) каты менен жазылган оң деген экен. Падыша уйгурлардын ханыш кызын конок алмак болуп, Ли деп анын жол-жосунун сураган экен. Ли Ми мындай дептир: «Сузуң болсо, Дунхуаң ханынын чоң атасынын туугандары болот болчу. Уйгурлар кызын ханга бермек болгон, Пиңйуаңжиде падыша менен көрүшкөн, ошондо ал жүгүнгөн экен, падыша аны «бийкеч» деп, «жеңе» дебептир. Ошол кезде биз оор абалда экенбиз. Алардын күчүнөн пайдаланууга туура келгенде, падыша менен анын букарасы ушундай саламга келүүгө туура келген экен. Бүгүнкүнү айтпасак да белгилүү болуп турбайбы».

«Ошону менен уйгур ханыш кызы Йыңтаймын капкасынан киргизилип, улуу ханыш кыз баштаган үч адам капканын ичинен тосуп алган. Ага котормочу жол баштап жүргөн. Ханыш кыз (уйгурлардын) жүгүнүп салам бергенде, тигил улуу ханыш да (Таңдын ханыш кызы да) жүгүнө саламын алик алганда, сарайга бирге баштап кирген. Ошондо падыша ички сарайда отурган экен. Уйгур ханыш кыз кирери менен падышага көрүшүү нээтин билдирген. Ички иштер жасакчысы аны улуу ханыш кыздын бөлмөсүнө баштап кирген. Ал дагы котормочу аркылуу саламдашып, алар менен бирге киришкен. Конок алуу сарайына киргенде, падышанын Шан токол катыны алдыңкы секиде анын алдына чыккан, уйгур ханыш кыз ага ийилип салам берген. Шан токол катын да саламын алик алган. Андан соң падышанын көрүшкөнүнө ийилип ыракмат айтып, батыш кыркадагы секичеден орун алган. Падыша сыйлык берген кезде ал төмөн жакта отуруп ийилип ыракмат билдирип турган. Падыша сыйлык бербегенде, дасторкондон кетенчиктей калып ыракмат айтып ийилип турган, анда падышанын токолу, падышанын ханыш кызы – бардыгы ийиле алик алып турган. Алдыңкы көрүшүү каадасы мына ушундай бүтүп кайткан. Андан соң дагы эки жолу салтанаттуу конок алуу болгон. Падыша Жан Ан ханыш кызга Хан мекемесин курууга коолу түшүргөн. Йүтиң ханы Жанранды той башы кылып белгилеген. Сол кошуундун кол башчысы Гуан Бо кошо көчүрүп жеткирип, андан соң атак берүү буйругун ала барган. Ошондо каханга «бейкуттуу жашамыш Теңирге жакын Билге кахан» деген атак берген. Ханыш кызга «акылдуу түз жашамыш күйүмдүү катын» деген атак берген.

Жынйуан жыл санагынын 5-жылы (789-жылы) кахан кайтыш болуп, анын уулу Талас такка чыккан. Эли аны өкүл тегин деп аташкан. (Падыша) тышкы байланыш бөлүмүнөн (Куңлучындан) Гофиңди чен тон менен жиберип, ага «ай теңирлүү бек болмуш күлик билге ак жүрөк кахан» деген атак берген.

Мурда Аншы (Күчар чөлкөмү), Бешбалык эки чөлкөмдө Тиййанбо жыл санагынын соңгу жылдары Гуан Лоң коргоочу мекемелер колдон кеткен соң, ордого тартуу алып келүү жолдору үзүлүп калган. Ыбырдын батыш Бешбалык аталыгы Ли Йуанжуң, төрт шаарчанын аталыгынын орун басары Го Шин көп жолу элчи жөнөтүп арыз сунган болсо да, анын бирөө жетип келе албаган. Жинйуан жыл санагынын 2-жылы (786-жылы) Йуанжун сыяктуулар жөнөткөн элчилер уйгурлардын жолу аркылуу гана зорго Чаңанга келе алган. Падыша Ли Йуанжуңду Бешбалык коргоочу мекемесинин башчылыгына, Го Шинди Аншы коргоочу мекеменин башчылыгына көтөргөн. Мына ошондон тартып жол ачылганы менен, бирок уйгурлардын талабы чепти жөн койгон жок. Сыр-тардуштардын бөлөк уруусунун миң түтүн адамы Бешбалыкка жакын алар да уйгурлардын тойторушуна ыраазы эмес болгон. Үч карлук, ак көз түрктөрдүн бардыгы уйгурларга каранды болгондоруна боздошуп, бардыгы астыртан тибеттер менен ымалалаша беришкен. Ошого, тибеттер тардуштарды Бешбалыкты бирге чаап алууга чакырган. Ыганкас алар менен согушканы менен жеңилип калган. Ошентип Бешбалык колдон кеткен. Коргоочу мекеме башчысы Йаң Шигу колун баштап, Шыжу аймагын көздөй качкан. Уйгурлардын кыл жоокеринен нече түмөн аттанып, Шы Гуну бирге чакырып алып, Бешбалыкты кайра алуу үчүн камданып турганда, тибеттер дүмөк салып кирип, жеңип кеткен. Жоокерлердин жарымы өлгөн. Ыганкас кайра качып кеткен. Шигу жоокерлерин алып Шыжу аймагына кире качкан. Ыганкас: «Сен мени менен бирге биздин ордого бар, андан соң сени Таң ордосуна жеткирте салам» – деп Шигуну алдап, Шигу ордосуна барары менен аны өлтүртүп салган. Карлуктардагы Шыңтучуанды чаап алышкан. Уйгурлар ошондо коркушуп алардын уруулары секин түштүккө көчө качышып кутулушкан.

Ошол жылы каханды кичи катыны Йапку ханыш кызга уу берип өлтүргөн. Бул катын да бугулардын Койондун небире кызы экен. Койондун уулу уйгурларга йапку болгон соң, анын кызын да Йапку деп аташыптыр. Кахандын иниси такка олтурган. Ыган Кас как ошондо тибеттерге дүмөк салып жаткан кези экен. Анын вазири элинин күчүн чогултуп келип, эми эле такка олтурган адамды өлтүрүп, кахандын кичи уулу Ачорду такка отургуза коюшат. Ыганкас кайта келгенде, кахан сыяктуулардын бардыгы жоокерлердин алдына чыгып ал сурап, тактыга чыгуу жагдайларын бүт Каска айтышат. Болор иш ушул, калганын өзүң билип эмне кылсаң кыл дешип турат. Дагы Гофиң соогатка берген дүйнө-мүлктүн баарын Каска берген. Ошондо кахан бүгүлүп ыйлап туруп: «Бүгүнкү менин оңунан келип такка отурушум, бүт эле өзүңүздү атадарлык кармангандан болду» – дейт. Казачордун ызааттуу билгич экенин көрүп, аны кучактап кошо ыйлаган, өзүн анын букарасы деп айткан. Ага берилген бардык мал-мүлктү жоокерлерге бөлүп берип, өзүнө эч нерсе алып калбаган. Ошону менен ал мамлекет ичи тынчыган. Алар ордого Дабык тегин бойла сангунду жиберип, абалды маалымдаган, кандайдыр бир жаңсыл кылуу боюнча сөз алдырышкан. Падыша тышкы иштер бөлүмүнүн беги Су Тыңды атайын чен тон менен жиберип, Ачорго чынчыл кахан деген атакты жарыялаткан. Көп өтпөй, Локей таркан келип, Шавниңго ханыш кыздын казасын кабарлаган. Ал ханыш кыз болсо, Ардак хандын кызы эле. Мурда Ниңго ханыш кыз күйөөгө кеткенде, кийин Ардак хандын кызы анын соңунан кеткен эле. Ниңго ханыш кыз мамлекетке кайтып келип, Ардак хандын кызы уйгурларда калып калганда, катын атакка коюлуп, «Шавниңго ханыш кыз» деп аталган болчу. Ал баатыр кахан, акыйкатчыл кахандарга тийген. Теңирге жакын кахандын кезине келгенде анан ордодон көчүп чыгып турган экен. Өз кезинде акыйкатчыл кахан дагы андан эки уул тууган экен. Теңирге жакын кахан аларды мойсоп койгон. Ошол жылы уйгурлар тибеттер менен карлуктарды чаап алып, туткундарды ордого тапшырышкан. Кийинки жылы алар ордого Йагалакар Көйдү жиберген. Көйдүн түбү Лү Тек аттуу Таң элинен болот экен. Аны кахан багып алган экен да, ошого кахандын тек атын тутунат экен. Падыша аны мамлекет ичинде мансап кармоого коё турган болгондуктан, ага көп сыйлыктарды берип, бакылоочу жасак оң кол башчы деген милдетке койгон.

Жынйуан жыл санагынын 11-жылы (795-жылы) Кахан кайтыш болгон. Андан бала болбогондуктан, алардын мамлекетинин жайсаңы Кутлукту кахандыкка көтөргөн. Ал ордого элчи жиберген. Падышалык буйрук боюнча Жаң Жийан атайын чен тон менен барып, «Ай Теңири жарык болмуш алп күлик билге ишенимдүү кахан» деген атакты берип келген. Кутлук тегинде эдиздер тукумунан болгон. Бала кезинде атасы өлүп кетип, аны баш киши багып алган, ою курч, чечен, каруу-жаракка маш адам болгон. Теңирге жакын кахан кезинде көп жолу колду башкаруу мансабында турган. Ошондо ар кайсы уруулардын баш кишилери андан айбыгат экен. Ошентип, Йаглахар тектүүлөрдүн урпактарына кызматы өтүп, өз улутунун атын чыгара албаган, ал эми кахандын небире-чөбүрөлөрүн ордого жиберип турган.

Йуңжин жыл санагынын башкы жылы (805-жылы) кахан кайтыш болгон. Ошондо падышалык буйрук боюнча тышкы иште байланыш мекемесинин беги Сүн Гав азага барып көңүл айткан, анын ордуна такка отурганга «Теңир алп күлик билге кахан» деген атакты жарыялап келген.

Йуанкы жыл санагынын башында (806-жылы), дагы бир жолу алар ордого тартуу берген. Ошондо элчилердин арасында маныхайлар да келе баштаган, маныхайлардын адатында, ар күнү түндөсү гана бир маал тамак ичет экен. Суу ичип, жакшы оокаттанат экен да, кымыз, айран ичишпейт. Кахан алар менен дайыма мамлекет иштерин акылдашып турат. Маныхайлар Астанага келгенде дайыма батыш базардагылар менен барды-келди кылып, соода-сатыкта карактап кетмейи да бар экен. Йуанки жыл санагынын 3-жылы (808-жылы), Шан-Ан хан кызы кайтыш болгонун угузуп, адам жиберишкен. Хан кызы өмүрүндө төрт каханды узаткан. Уйгурлардын жеринде 21 жыл турган. Ошондон көп өтпөй, кахан да кайтыш болгон. Анда Шуанзуң (падыша) жалпы иштер мекемесинин башчысы Ли Шавчиңди атайын чен тон менен жиберип, дагы такка отурган каханга «Ай теңири бек болмуш алп болмуш билге акыйкатчыл кахан» деген атакты жарыялаган. Үч жыл өткөн соң, уйгурлардын элчилиги 2-жолу ордого келишкен. Ошондо Ынанчорду жиберишип, дагы кудалыкка жуучу айттырышкан. Андан жооп ала алышпаган, кахан үч миң аттуу аскер менен Суксур булакка келген. Жынву аймагынан жоокер жөнөтүп, Каратоону кайтарткан. Тианды калаасына коргон салынып, согушка беленделинген. Салтанат-жөрөлгө бөлүмүнөн Ли Жаң мындай кат жазган: «Уйгурлар күч алып кетти, ал эми түндүк жак чек арабыз курундай турат. Кандайдыр бир шойком чыкса алсыз черүүбүз аларга каруу көрсөтө алмак эмес, турган коргондорубуз эчтемеге дал келе албайт. Эгерим таксыр ушул айткандарды оюңузга алып, жоокер жөнөтүп, коргондор салдырсаңыз, бул биз Жуңхуанын алысты ойлогону, элибизди аман-эсен алып туруунун сонун амалы болор эле. Бакырыңыз азыркы жайгашуу алгылыктуу кармалбады деп эсептейт.

Чек арада беш кооп турат: түндүк дилдер абдан сугалак келишет да, өздөрүнүн таламын гана көздөшөт. Алып келген жылкылары белгиленген баага салынгандын кийинки жылынан баштап келбес болду. Алар торко-дуудундан пайда алууга кызыкпайт беле? Мындагы нерсе алар күз болуп, жылкылары, ат унаасы семиргенде, бизге чабуул коюуну максат кылганы. Биз сырттан жоого бет келүү, ичтен согуш камылгасын көрүү, бул – ордого болгон бир шойком. Ушул – биринчи кооп. Азыр биздин жоокерлерибиз толуктанганы жок, чалгындоо айкын эмес, каруужарак жеткиликтүү эмес, коргондор салына элек жатат. Эгерим, Тийандыда бекем согуш даярдыгын иштеп калчу болсок, жоо жак күмөндөнүп калат. Батыш калаада коргонуч койбосок, чоң Чөлдөн келген жол бөгөтсүз эле келе берет. Бул – экинчи кооп. Коргондордогу чептер, чаап киргенде кооптуу жерлер жөнүндө чеп коргоп жаткан кол башчылар менен абдандап акылдашуу керек. Азыр дайра чептеринен бөлөк иштердин бардыгын ордо белгилей турган белгилеме бар. Кокус жоо чукул кол салып кирип калчу болсо, аларды тосо чыгууга үлгүрбөй калабыз. Мына бул – үчүнчү кооп. Уйгурлар менен ымаланы кайра калыбына келтиргенден бери, биздин жер жагдайыбыз, жоокерлик камылгаларыбызды, канчалыктыгыбызды алар аябай анык билишет. Алар биздин чек арадагы аймак, оодандарыбызды тартып алмак болсо, биз черүү тескеп жөнөтүп болууга бир ай чамасы убакыт кетет. Алар биздин мал-мүлкүбүздү бир демде эле чаап алат. Биздин падышалык жоокерлер ал жерге жетип баргыча, алар эчак кайра салып кетип болушат. Эгерим, алар узакка туруп алса, согуш улам улуулай берет. Мына бул – төртүнчү кооп,

 

түндүк элдер менен батыш номдор бир бири менен чайка шып чабышып жаткандыктан, биздин чек арада али иш чыкпады. Азыр уйгурлар жылкы сатпас болуп кетишти. Алар кокус тибеттер менен кек куушпай бүтөшүп алса, биздин мансаптарлар менен кол башчылар чеп бекитип алуу коркунучу туулуп, чек арадагы калктын жашоосу жабырлуу күнгө түшөт. Бул – бешинчи кооп, дагы келип, Хуайшыдагы Вушаййаң өлгөлү жатат. Ушинтип эле аттанабыз десек, он эсе сарыптоо керек болот. Менин баамымда алардын кудалыкка келген жуучуларынын кулдугун кабыл алсак, алардын кол, жосунуна макул десек, кийин үч пайда алабыз: куда болгон соң согуш иши жок болот. Ошол кезде коргондорду бекемдөө тескештирип алуу мөөртү болот, алардан аштык, жем-чөп чогултуп, жоокерлик күчүбүз бекемделет. Бул – пайданын бирөө. Түндүк жак тынч турса, бардык каруубузду чогултуп, Хуайхынын оң жагындагы иштерди жөнгө салып, дүрбөлөңчү жоону курута алабыз. Бул – пайданын экинчиси. Түндүктөгү жоолорубуз бизди жек-жаат тутунган соң, батыш номдордун каары ого бетер кайнай түшөт. Алар ички жактан тынчы кетишсе, биздин мамлекет бейпил боло алат. Чек арадан коркунуч туулбайт. Бул – пайданын үчүнчүсү. Азыр ушул үч пайдадан кечип, беш коопко жөнөгөндүк жогору амал эмес. Кээ бирөөлөр айтат экен, хан кызын аларга берсек да, көп чыгашалуу болот экенбиз деп, бүткүл чогулта турган салыгыбыз үч үлүш десек, ошол үч үлүштүн бардыгы чек ара жумушун бир жаңсыл кылууга жумшалып жатпайбы. Ушул кезде чыгыш түштүктөгү чоңураак оодандардан бир жылына эки жүз миң тизмек жармак салык чогултулуп алынат. Ошол бир оодандан түшкөн эле каржыны бул той жумушуна каржыласак, аз зыян менен зор пайдага ээ боло албайбызбы? Эми биз тойго чыгаша көп жумшалат экен деп, алардын кулдук урганына болбой койсок, анан эгерим падыша колун түндүккө жөнөтүүгө туура келсе, 30 миң жөө жоокер, беш миң аттуу жоокер чогултпай иш бүтпөйт. Жана келип, барганда эле жеңишке жете коёмун деш абдан кыйын, жок дегенде бир жыл сарыпталат. Ошого кеткен камдоо каражатын бир оодандан чогултуп келген каржы менен бүтүргөлү болобу?» Падыша буга болбой койгон.

                                                                                    Экинчи бөлүм

                                                                         Жаңы таңнама 217-ором

                                                                        (Соңгу бөлүгү)

Уйгурларга кыз узатуунун кете турган каржысын байланыштуу бөлүм беш миллион кетет деп болжом эсеп кылган. Ошол кезде падыша бүлдүргү жоого черүү салуу иши менен алек болуп жаткан болчу. Ошого жалпы бөлүмдүн беги Ли Чиң, билим берүү бөлүмүнүн акылманы Йин Йуну жиберип, кудалык кулдукту кабыл албай турганын айттырган. Музуң падыша такка отурган соң уйгурлар Алп таркан сыяктуу адамдарын элчи жиберип, кудалык жуучулукту дагы айттырган. Ошондо падыша ынаган. Ошондон көп өтпөй кахан кайтыш болгон экен. Бизден элчи жиберилип, ал такка отурганга «Теңири йорук болмыш күчтүү билге көсөм кахан» деген атакты жарыялап келген. Кахан такка отурган соң, Инанчор, Күлик, Тутук Сегит сыяктуу адамдарды йапку ханыш кыздын атынан биздин ханыш кызды көчүртүп келүүгө жиберген. Андан бөлөк уруу башчыларынан болуп, эки миң адам кудалыкка кошо барган. 20 миң жылкы, миң төөнү калыңдыкка айткан. Чар тараптан Жуңгого келүүчүлөр ичинде мындай көп адам эч убакта келип бакпаган экен. Падышалык буйрук боюнча, 500 киши Чаңанга киргизилип, башкалары Таййуанда калган. Падыша ошондо Тайхы ханыш кызды берүүнү чечим кылган. Тайхы ханыш кыз болсо, Шуанзуңдун кызы эле. Падыша ал ханыш кызга арнап сарай салдырып берген. Сол алтын кол жасак башы сангун Ху Жыңды, жароокер Ли Шыйанды атайын чен тон менен кыз көчүрүп барууга, ордо беги Ли Шо той башкарууга бекитилип, ханыш кызга «күйүмдүү, ажары ачык, акылы тунук, өмүрлүү катын» деген атакты берген. Ата-бабаларынын күмбөзүнө алып барып түлөө өткөрткөн. Теңир уулу (падыша) Туңхуамын капкасына чейин барып, ханыш кызды узаткан. Вазирлердин бардыгы жолдун четине тизилип туруп узатышкан. Ханыш кыз чек арадан өткөн соң эле уйгурлардын ордосуна али жүз чакырымдай кал ганда, кахан секин чубоо жол менен жашыруун ханыш кыз менен көрүшкүсү келип кеткен. Ага Ху Жиң ынабай койгон. Анда уйгурлар айтышыптыр: «Мурда Шан Ан ханыш кыз келгенде ошондой болгон эле» дешип, анда Ху Жин: «Теңир уулу (падыша) айткан ханыш кызды кахандын өзүнө алып барып тапшырасың деген. Мен каханды көрбөй туруп ханыш кызды алдын эле жибере албайм» – дептир. Ошону менен алардын жанакыл талаптары аткарылбай калыптыр. (Уйгурлардын) ордосуна жеткен соң, кахан секичеде отуруптур, чыгышты карап отурган экен, анын алдына ак өргөө тиктирип ханыш кызды анда киргизиптир да, ханыш кызга гуздардын кийимин кийгиздириптир. Андан соң бир ургаачы аны коштоп күтүп алып чыгып, батышка карай жү гүнтүптүр, кайра өргөөгө алып кирип кетип, катын кие турган кийимди (мансап кийими) кийгизиптир. Ал кийим көрсө, кызыл далбыраган кең чоң чапан экен, башта алтын таажы, алды-арты учтуу болгон. Ханыш кызды өргөөдөн дагы алып чыгып, каханга жүгүнткөн. Ошондон соң чүмкөктүү сандалга отургузуп, тогуз киши көтөрүп, ордонун ичинде оңго карай тогуз айлантып чыккан. Сандалдан чыккан соң, анан хан секисине чыгарылып, кахан менен катар чыгышты карап отурган. Ошондо анан вазирлери тартиби боюнча тизиле келип көрүшкөн. Кийин катынга өз алдынча өргөө тигип берилген, эки жайсаң анын кызматында болгон. Ху Жиң сыяктуу кишилер Таң сулаласына кайра жөнөгөндө катын (ханыш кыз) зор конок аш берип узаткан. Алар менен айрылышарда тегеле кыйбай, ыйлап токтобой койгон.

Кахан ал элчилерге мол соогат берип узаткан.

Ошол кезде Фейдуйу аймагы Жын аймагындагы бүлдүргүчүлөргө черүү салып жаткан кез болгон. Ошондо уйгурлар Ли Йиже сангунду үч миң жоокер менен Теңир уулунун (падышанын) Жыбыйды тынчытуусуна көмөккө аттандырган. Ошондо ордодо алар мурдагыдай убарачылык таап берүүсүнөн кабатырлануу болуп, алар көмөккө келбесе экен дегендер болгон. Бирок жоокерлери эчак Пиңжу аймагына келип болгон экен. Мол соогат тартуулап элчи жиберип, аларды кайтара кетиришкен.

Жиңзуң падыша такка отурган жылы кахан кайтыш болгон. Анын иниси Касар тегин такка отурган. Ага элчи жиберип «Ай теңири бий болмуш алп билге жосундуу кахан» деген атакты жарыялаткан. Дагы он эки араба мүлк соогат кылынган. Винзуң падышанын алгачкы кездери дагы беш жүз миң тактай торко-дуудун соогат берип, аны жылкынын баасы катары өткөргөн. Дахы жыл санагынын 6-жылы (832-жылы) каханды кол алдындагылары өлтүрүп койгон. Анын ордуна такка абасынын баласы Ку тегин отурган. Ал бизге элчи жөнөтүп, ал иштерди кабарлаган. Кийинки жылы бизден сол жасак кошуундун сангуну Таңхуңши менен Сызы Хан Руң атайын чен тон менен барып, каханга «Ай теңири бий болмуш алп күлк билге ишенимдүү кахан» деген атакты жарыялап келген. Кайчиң жыл санагынын 4-жылы (839-жылы) анын жайсаңы Коромир балакет чыгарып, сыр-тардуштардын жоокерлерин баштап келип, каханды чаап алган. Кахан өлүп алган. Эли Апсап тегинди кахандыкка көтөргөн. Как ошол кезде жут болуп, элге жугуштуу оору тараган. Улуу кар жаап, кой, жылкыларын жут алган. Биз жактан да каханга атак берилбей калган.

Вузуң падыша такка отурганда, Сызы Хан Руңду аларга жиберген да, алардын эли ичинен бөлүнүп жатканын ошондон билген.

Көп узабай, эл башы Күлк баатыр коңшу уруу кыргыздар менен ичтен байланышып, алардан 100 кол баштап келип, уйгурлардын калаасын чапкан. Каханын жана Киромирди өлтүрүп, ордосун өрттөп жиберген. Ар кайсыл уруулары тозуп качкан. Вазири Сапчык менен Биң тегин 15 уруусун алып карлуктарга кире качкан. Калганкаткандары Тибетке, Аншиге (Күчар аймагы) кошулуп кетишкен. Ошол кезде кахандын ордосуна төтө караган 13 урук эл Угей тегинди кахандыкка көтөрүшүп, түштүккө карай ооп, Савзи тоосун такоол кылып калышкан. Кыргыздар уйгурларды чаап алып, Тайхы ханыш кызды колдоруна алышкан: кадыресе өздөрүн «Ли Лиңдин урпактарынанбыз, Таң менен тектеш келебиз» дешкен. Ал эми элчи жөнөтүп тарканы коргоп ханыш кызды Таңга жеткирүүгө жөнөткөн. Угей тегин каарданып, жеткизип келе жаткан таркандын соңунан кууп жетип, аны өлтү рүп, ханыш кызды тартып алып, түштүк Чоң Чөлдөн өтүп кеткен. Чек арадагы эл аябай үрккөн. Угей Тийанды калаасына дүмөк салып кирип келген. Жынву аталыгы Лийумиң жоокерлери менен чыгып, Йунхаңхуанда алар менен аябай салгылашкан да, аларды майтарып жиберген. Ошондо, жайсаң Лидыйү сунуш айтып: «Уйгурлар мурда бизге кызмат өткөргөн, азыр алар жутка кабылып, арийне бөлүнүп-жарылып жатат. Каханынын турар жери жок калды. Алар менен согушпай, аларга элчи жиберип, малмүлк берип, аларды сөөмөлдөөгө тийишпиз» деген. Падыша жоокерлик мекемесинин беги Ли Шинин сунушун кабылдап, бир жак туштан алардын жагдайын чалгындап көрүүгө тапшырган. Ошол кезде алардын (уйгурлардын) жайсаңы Чексим, ханзаада Утмуш, Тегин Нагыт чоролор элин алып бизге кошулмак болушкан. Ханыш кыз да элчи салып, Үгей эчак такка отуруп болду, ага атак бериңиздер деп айттырган. Дагы башкы вазири, Ыганкас сыяктуулар кат жөнө түшүп, Жынву калаасын кахан менен ханыш кызга бере турууну суранышкан. Падыша оң кол Алтын жасак ноён сангун Ваң Хуйду чен тон менен аларга ал суроого жөнөтүп, аштыктан 20 миң чейрек бергизген. Бирок Жынву калаасын бере турууга ынабаган. Ал үчүн тилге чечен бир ортомчу киши жиберип, аларга жай айттырган, кадыресе дагы элчи жиберип, ага атак жарыялаткан. Ошондо астыртан алардын кыймыл-аракети чалгындалып турган да, алардан сак болунган.

Кийинки жылы уйгурлар ханыш кызды Чөлдүн түштүгүнө чейин коргоп алып келген. Йүнжу аймагы Шүнжу аймагы сыяктууларга кирип, Хиңшүйдү карактап, туш келди кырып, алып-тоноп качып турган. Алар Тийанды менен Жынвунун ортосунда айланчыктап, көрүнгөн уй, кой болсо айдай качып турган. Ошондуктан аларга каршы черүү аттандыруу коолусу түшкөн.

Утмуш Чексим жансыз болгондуктан, аны тизгиндеп туруу кыйын деп, ага Тиййандыга келгин деп убадалашып, Утмуш Чексим өргөөсүнө келе калганда, үйүнө буктурма коюп аны өлтүрүп салган. Нагыт чоро Чексимден калган жети миң түтүн элди чогултуп чыгышка карай жөнөп, Жынву, Датуң аркылуу өтүп, Сибир эли, Каракум менен биргелешип, түштүк жактагы Йужу аймагына чабуул койгон. Ал жердин аталыгы Жаң Жуңву алар менен салгылашып жеңип, алардын бардыгын колго түшүрүп алат. Нагыт чоро качып жөнөйт. Ошондо Угей аны кармап алат да, өлтүрүп салат. Ошол кезде Угейдин жоокерлери бир кыйла күчтүү болуп, жүз миң жоокерибиз бар деп турган экен. Алар ордосун Датуңдун түндүк жагындагы Лүмын тоосуна куруптур. Тегин Бингүч Адунен сыяктуулардын төрт урук эли жана сангун Савмуну баштаган 30 миң жоокер Жоңвуга келип багынып беришкен. Утмуш да элчи салып, багынгандыгын билдирген. Падыша Утмушту каханга көмөктөштүрүп мамлекетти кайра калыбына келтирүүгө камданып жатканда, ойдо жок жерден кахан барып Йүнжу аймагын чаап Лыйумын менен согушуп калат да, андан бүт жеңилет. Ошондо Утмуш үч урук элин жана Тегин эл агасы сыяктуу эки миңдей адамын алып, Жынвуда багынып берет. Падышалык буйрук боюнча, Утмушка оң алтын жасак колдун ноён сангуну милдетине коюлуп, мээримдүү хан деген атак берилген. Ал эми Тийанды колу акыйкатка кайткан колго өзгөртүлгөн. Утмуш ошол акыйкатка кайткан колго кол башчы болуп коюлган: анын иниси Алыч Ниңбийан жигит деген атакка, Шибет чоро Жаңхуа жигит деген атакка, Уласка Ниңшав жигит деген атакка коюлуп, бардыгы чыгаан кошуундун ноён сангундары, сол сүрдүү жасактын ноён сангундары деген милдетке коюлган: Аймур Ниңсай жигити деген атак алып, оң кол кошуундун ноён сангуну деген милдетке коюлган. Утмушка ордо туусу, илбирс куйругу, канжар сыяктуу буюмдар берилип, анын кол алдындакыларга жигиттик белбоо сыяктуулар берилген. Жайсаң Лидыйүгө падышалык буйрук берилип, Чин, Хан доорунан берки чек араны гүлдөтүүгө кызматы өткөн, ордого ак жүрөк болгон отуз чыгаан адамдын материалын чогултуп, «Бөтөн жерлердеги бизге ак жүрөк болгондордун өмүр баяны» деген китепти жазуу жөнүндө буйрулган Утмуш улутташтардын Таййаунга коюп коюп, өзү ага-инилерин баштап чыгып Теңир уулу үчүн чепти коргоп берүүнү талап кылган. Па дыша Лыйумыңга буйрук берип, Йунжу аймагы Шавжу аймагынын арасынан аларга турак үй салдырып, алардын үй-бүлөсүн жайгаштырууну айткан.

Кахан элчи салып жоокер сурап, мурдагы ордосун кайра алууну Тийанды калаасын дагы бере турууну суранткан. Падыша ага ынабаган. Кахан аябай каарданып, Датуңчуанды басып алып, Йунжу аймагына дүмөк салып кирген. Йүнжу аймак башы коргонду бек бекитип чыга албай жаткан. Падыша коолу түшүрүп, ар кайсы шаарчалардагы жоокер күчүн көбөйтүп, Таййуандын түндүк жагын бекем кайтарып турууга буйруган. Утмуш сыяктуулар ордого кирген соң, бардыгы тек аттарын Ли дегенге өзгөртүп алышкан. Аттарын да өзгөртүп, Утмуш – Сыжуң, Алыч – Сыжын, Шибет чоро – Сийи, Улас – Сили, Аймур – Хуңшун сыяктуу аттар коюлуп, бардыгы акыйкатка кайткан кошуундун орун басарлары болгон. Падышалык буйрук боюнча, Лыйумиң уйгурлардын түштүк тактоолчулугуна, Жаң Жуңву алардын чыгыш тактоолчулугуна, Сыжуң (Утмуш) Хышы таңгуттардын сардар башы, батыш түштүк тактоолчу милдетке коюлган. Лыйумиң Йамынга бир жолу турактамай болгон. Дагы падышалык коолу түшүп, Йыңжу аймагынын аймак башы Хы Чыңчав, Вийжу аймагынын аймак башы Чөбөтуң барча элдердин, хундордун жоокерлерин Жынвудан алып чыгып, Лыйумиң, Жаң Жоңвулар менен кошулуп, секин уйгурларга жакындашуу буйрулган. Сыжуң (Утмуш) көп жолу мурдагы кол алдындагыларды багынып берүү боюнча насаат кылган. Лыйумиң сыр-тардуштардан болгон жоокерлерден бөлүп берип, Сыжуңдун колун күчөткөн. Хыжуң кошуунунан беш жүз аттуу жоо керди Хүншүңгө (Аймурга) бөлүп берген. Лыйумиңдин кошу Йунжу аймагында турган. Сыжуң (Утмуш) Бавда коргонун бекем кайтарып, Хыжуң кошуун менен Чыншү жоокерлерин баштап уйгурлар менен согушуп, аларды жеңген. Кийинки жылы да Хуңшун (Аймур) уйгурларды кыйраткан. Лыйомиң Тийанды жортуулчулар кошунунун башчысы Шы Шийоң аттуу кылдаган жоокерлерди тандап алып жана сыр-тардуштар, чөбөлөрдүн жоокерлери менен түндөсү Йүнжу аймагынан чыгып, Майага карай жөнөгөн. Алар Анжуң чебине келгенде, уйгурлардын жоокерлери менен беттешкен. Салгылашууда аларды жеңип чыккан. Угей ошондо как Жынвуга чукулдап калган кези экен. Шы Шоң мурда эле Жынвуга кирип болгон. Түндөсү сүрдүү кийинип, коргонду тосуп жаткан күчтүү колду көргөн Угей абдан коркуп, жоокерлерин алып качат. Шы Шоң анын соңунан тике кууп отуруп, Хусан тоосуна чейин барат. Угей жараланып, качып кетет. Ошондо Шы Шоң ханыш кызды (Тайхыны) жолуктурат да, аны коргоп ордого жеткиздирет. Падышалык коолу боюнча Тегинге караштуу нече түмөн кол багынат, бүткүл кымбат баалуу буюмдар жана мурда түшүрүлгөн падышалык коолулардын бардыгы чогултулуп алынган. Кахан калды-катты элин жыйнап кара арабалууларга кире качат. Падыша буйрук түшүрүп, Хоңшүн, Чыңчавлар сая кууп жоготууну буюрган. Хуңшун кара арабалууларга калың соогат берип, Угейди эптеп өлтүрүүнүн аракетин жасаган. Ошондо кахан менен бирге качкандар кошуун болуп, чыккычалыгы калбаган экен. Алар такай Йужу аймагына келип, багынып турушкан. Ал жерде калгандары ачкалык ичинде, ооруга чалдыгып жүрүп, зорго нече миң гана адамы калган. Алардын ошондой начар абалын көргөн кара арабалуулар Угейди өлтүрүп салышкан. Андан калгандары анын иниси Атнап тегинди кан көтөрүп алышкан. Падыша Лыдыйүгө ал иштерди Йүжу аймагында ташка чектирип, кийинки урпактарга эстелик калтырууну буюрган.

Сыжуң (Утмуш) сыяктуулар мамлекети кыйраган соң, каалоосу менен биздин ордого кирүүнү каалагандыктарын билдиришкен. Ал каалоолору кабыл болушуп тынган. Алардын акыйкатка кайткан колу тартылып, Сыжуң (Утмуш) сол жасакчылар кошуунунун сангуну, Фухандын орун басары деген мансапка өстүрүлүп, түбөлүк кубаныч деген сарай анын турак жайы кылынып сыйлык катары берилген. Анын жоокерлери ар кайсы чек арадагы кошуунга бөлүп жиберилген. Жоо адамдары бөлүнүп жарынып кетүүдөн коркушуп, Хуто дайрасынын боюнда көтөрүлүш чыгарышкан. Ошондо Лийумиң алардын үч

 

миңдей адамын орго тыгып өлтүргөн. Уйгур кошуунунда кызмат көрсөтүп, эки ордодо тургандарынын бардыгы падыша ордосуна алып кирилсин деген падышалык коолу түшкөн. Байланыштуу бөлүмдөр алардын манахей динине байланыштуу китептерин, сүрөттөрүн чогулттуруп, Хан жолунун үстүндө өрттөткөн. Алардын эмерек-дүнүйөсүн ордонун казынасына өткөртүп алган.

Атнап кахан калды-катты элинен беш миңдейди чогултуп, кыбыт уруусунун аксакалы Жеңшеланга сөөнүп жатып калган. Дажуң жыл санагынын (847-жылдар) алгачкы жылдары. Жаң Жуңву кыбыттарга черүү салып, аларды талкалаган. Уйгурлар акырын жоюла берген. Калган атармандары, вазирлери болуп беш жүздөй киши барып сыбырларга кошулуп алышкан. Жаң Жуңву падышалык буйрук боюнча баары жерге кабар берип, кахан сыяктуулар калсын деп айттырып жүргөн. Бирок Атнап (кахан) коркуп катыны карлук, баласы Тегин Тогуштөрдү алып, түндөсү элин таштап, батышты көздөй кетип калган. Анда эли аябай боздоп кала берген. Сыбырлардын жети уругу уйгурларды тоздуруп алып кеткен. Ошондо кыргыздар каарданып, анын жайсаңы Аба жетимиш миң черүү менен сыбырларга дүмөк салып кирген да, андагы уйгурларды бүт чогултуп, Чөлдүн түндүгүнө алып кеткен. Алар тоо жана токойдун арасын мааналап, ар кайсы барча элдерди согуп, өздөрүн камдап турган. Кийин секиндеп Биңтегинге моюн сунушуп калышкан.

Ошондо, Тегин өзүн кахан атап калган экен да, Ганжу аймагында туруп, Чөлдүн батышындагы калааларды менчиктеп турган кез болот. Шуанзуң (падыша) кезинде чет жакадагыларга камкордук көрсөтүү саясатын колдонуп калган. Элчи жиберип Лиңжу аймагында алардын баш кишиси менен көрүштүргөн. Ошондо уйгурлар да ал элчилер менен бирге ордого элчи жөнөткөн. Падыша Тегинге «улук Теңири бий болмуш алып күлк билге камкорчу кахан» деген атакты берген. Ошондон соң он жылдап улам ордого тартуу берип турган.

Йизуң (падыша) кезинде (860–873-жылдар) уйгурлардын уруу аксакалы Бүркүт Чын БешБалыктан Тибетке чабуул жасап, Луншаңырыны өлтүрүп, Шыжу аймагы, Бүгүр сыяктуу калааларды алган. Дарканы Мыкайкыны ордого жиберип, туткундарды тартуулап, атак берүүнү суранган. Падыша анысын кабыл кылган. Кийин биздин падышалык ордодо бүлгүнчүлүк чыгып, ордого тартуу берүү, ордого келүү мезгилдүү болбой калган. Ошону менен алардын тарыхы, баяндары да жазылбай кала берген.

Жавзуң (падыша) Фыңшага келгенде Лыңжу аймагынын аталыгы Хан Сун уйгурлар жоокер суранып, мамлекетин кыйын кезеңден куткарууну айтып жатат дегенди жеткизген. Ошондо Ханлын жогору окуу жайынын окумуштуусу Хан Во мындай деген: «Жоолашкан адамдар (уйгурлар) биз менен эчактан бери кектешип жүрөт. Хуйчаң жыл мезгилинен бери (840-жылдан) дайыма биздин чек арага көз атып келе жатат. Бирок канат-куйругу жетиле койбогондуктан, мудаасына жете албай жүрөт. Бүгүнкү күндө биздин жаман күнүбүздөн пайдаланып, жакшы ишке жетип алгылары келип жаткан тура, аларга ынабаган жөн». Ошого ал таксыр жагынан жооп ала албаган. Кийин алардын мамлекети соңунда барып жалчый албаган. Тек дайыма акак таштары менен жылкыларын чек ара соодасына алып келип турган.

Сыр-тардуштар. Эң мурда сыр улуту менен аралаш жашашкан. Кийин тардуштарды ойрондоп, алардын жерин жердеп калганда, аталыштарын сыр-тардуштар деп атаган. Алардын тек аты элтер болгон. Алар теле (төөлөс) урууларынын ичинде эң баатыр уруу болгон. Салт-санаасы демейде түрктөр менен окшош экен.

Батыш түрктөрдүн Чоро каханы телелердин (төөлөстөрдүн) ар кайсыл урууларынын баш кишилерин өлтүрүп салгандан кийин, алардын карамагындагы уруулар дайыма көңтөрүш жасап, бөлүнүп чыгып кетип турушкан. Чүбөлөрдүн Калынды дегенин Эмучин баатыр кахан дегенге көтөргөн. Ал Тамкан тоосунда турган: сыр-тардуштардын Ишбарасын Ады кахан дегенге көтөргөн. Ал Жамур тоосун ээлеп жаткан, түрктөрдүн Чагыр каханы дагы бир жолу күчөгөндө, бул эки уруу өздөрүнүн кахандык мансаптарын ташташып, аларга багынды болуп алышкан. Уйгур, байгур, адыз, тоңра, бугу, аксеп сыяктуу уруулар өтөгөн тоосунда чыгыш жагындагы Шабар каханга багынды болгон, Ишбара Алтын тоодо батыш жагындагы Йапку каханга кошулуп алган.

Жингуан жыл санагынын 2-жылы (628-жылы) Йапку каза болгон. Анын мамлекети бүлүнгөн. Ишбаранын небиреси Инан деп аталат экен. Ал өз уруусундагы 70 миң түтүн элин баштап келип, Эл каханга багынды болгон. Кийин түрктөр мүңкүрөй түшкөндө Инан Эл каханга каршы дүмөк салган. Түрктөр өтө эле алсыздап кеткен кезде, ар кайсыл уруктагылардан Эл каханга каршы көтөрүлүш жасап, Инанга багынды болуп келишкен. Алардын бардыгы анын баш киши болуп берүүгө талап кылышкан. Инан баш киши болууга батылы барбаган. Кийинки жылы Тайзуң как ошол Эл каханды ийбашка келтирүүнү ойлоп, көчмө кошуундун сангуну Чав Шуаңды чыйыр жол менен падышалык коолуну берип, доолбас, туу көтөртүп жиберип, Инанды «чыныгы билге кахан» деген атакка коюлганын жарыялатып коёт. Инан падышалык буйрукту кабылдаган соң элчи жиберип, ордого ыракматын айтып, түшүмдөрүнөн тартуу жиберет. Ошол өтөгөн тоосуна туу сайып, ордо куруп алат. Ал ордонун батыш түндүк жагында алты миң чакырым аралыкта эле. Алардын чыгышы мокулар, батышы йапку түрктөр, түштүк жагы чөл, түндүк жагында Колун суусу бар эле. Жери кең, эли багынды болгон. Ошого уйгур сыяктуу элдер ага багына койгон эмес. Анын иниси Тоң тегин ордого келген. Падыша ага албарс кылыч, сонун булдурсун берип: «Кол алдындакылар күнөө өткөрсө, ушул булдурсун менен сабап жүр» деген. Инан мына ошентип кожоюн болуп калган. Эл кахан кыйраган соң, чек ара ээн калган. Инан элин баштап чыгышка оогон да, Добойгон тоосу менен Торо суусунун түштүк жагына байыр алып алган. Ал жер ордодон үч миң чакырым эле аралыкта болгон. Чыгыш жагы сыбырларга чектеш, батыш жагы Алтай тоолоруна туташ, түштүк жагы түрктөр менен беттешип, түндүк жагы Каңкайга такалып турган. Мындайча айтканда, илгерки хундардын жергеси болгон. Баатыр жоокери эки жүз миң болуп, аларды эки иниси Тардуш шад менен Төлөш экөөнө кол башчылык кылсын деп чыгарып койгон.

Алар түштүк кол, түндүк кол деп аталган. Кийин жети жыл ичинде сегиз жолу ордого элчи жиберишкен. Падыша анын күч алып балакет болуп чыгышына кабатырланып, ал балекетти секин тыюу үчүн коолу түшүрүп, анын эки уулун кичик кахан деген милдетке коюп койгон.

Жыңгуандын 15-жылы (641-жылы) падыша Ли Сыманды кахандыкка койгон. Ошондо анан алар Хуаңхы дайрасынан өтүп, ордосун чөлдүн түштүгүнө курган. Инан мындан таарынып калган, бирок эч кандай аракет жасай албаган. Падыша Лойаңга келип, Тайшан тоосуна түлөө өткөргөн. Ошондо Инан жөкөрлөрү менен акылдашып: «Теңир уулу (падыша) Тайсан тоосун таюу үчүн кетти. Майда бектиктер падышанын сүрүн ашыруу үчүн жоокерлерин ошол жакка чогултуу мүмкүн, чек ара ээн калат, бир ушул кезметти кетирбей Ли Сымону чаап алсак болот» дешет. Ошону менен Тардуш шадды эки жүз миң жоокер менен түштүктө чөлдөн өтүп Ак жол чөлкөмүндө тургузуп, анан Ли Сымого чабуул жасаган. Ли Сымо Шавжу аймагына качып барып, чукул кабар жеткирип, көмөк суранган. Ошондо падышадан коолу түшүп, Йыңжу аймагынын тутугу Жаң Жан кол башчылык кылган кыбыт, сеп, кытан сыяктуулардын черүүсүн алып чыгып, чыгыш жактан согууну: Шавжу аймагынын жортуулчу кошуундун башкы башкаруучусу Ли Жы жөө жоокерден 60 миң, атчан жоокерден 3 миңдей алып, Шавжуда даяр турууну, Лыңжу аймагынын жортуулчу кошуунунун башкы башкаруучусу Ли Далыйаң жөө жоокерден кырк миң, атчан жоокерден беш миңди алып, Лыңву өткөрмөсүн кайтарууну: Чыңжу аймагынын жортуулчулар кошуунун башкы башкаруучусу Жаң Шиңгүй 17 миң жоокерди алып, Йүнжуңдан черүү салууну, Лыйаңжу аймагынын жортуулчулар кошуунунун башкы башкаруучусу Ли Шыйы жалпы амал таап, бүткүл жалпы жонунан кол башчылык кылууну буюрган. Падыша буйрук түшүрүп: «Тардуштар чөлдүктөн өттү, алардын унаасы аябай чаалыкты. Азыр черүү салууда ылдам илгерилөө пайдалуу аркага ашыгып чегинүүгө болбойт. Азыр жоо жак Ли Сымого ашыгып чабуул коюп кетпейт. Дароо аркасына да кайта албайт. Алардын соңу жеңилишке барат. Силер алар менен беттешип жүрбөгүлө. Алар кайтар кезде анан чыгып соккула» деген. Кийин тардуштар элчи салып, түрктөр менен элдешсек деп айттырган. Анда падыша: «Мен силер менен убадалашканмын: Чоң Чөлдүн түндүгүн тардуштар башкарат, Чоң Чөлдүн түштүгүн түрктөр арналуу башкарат. Эгерим өз ара чабышып калсаңар, мен эч кимиңи кечирбейм. Тардуштар мени атадарчылык кылып коюп, алды менен алар менин буйругума моюн сунбады, бул дүрбөлөң чыгаруу эмеспи? Түрктөр менен элдешүү деген мурдагы бүтүмдүн мазмунунда бар эмеспи, аны эми эмнеге сурануу керек экен?» деген. Алар эч кандай жооп айта албаган.

Тардуш шад Улуу коргонго жете барганда, Ли Сымо эчак түштүккө качып кеткен болот. Тардуш шад аны кууп кармай албасына көзү жетип, атайын адам жиберип, Улуу коргонго чыгарып туруп, анын аркасынан ашатып сөктүрүп кала берген. Как ошол кезде чаңын асманга оргутуп, Ли Жийенин колу келип түндүктү көздөй качып Чыкка барып, Көгмөн тоосун ашып, андан ары кетет. Ли Жийе жанкечтилер кошуунун тандап, түрктөрдүн салт аттуу черүүсү менен Лап дайрасынан өтүп Ак жолго чыга келип, Тардуш шадды сая кууп жөнөгөн. Тардуш шад жанын алып качууга көзү жетпей, Накшын суусунан өтө качып, бекем коргонуч куруп күтүп жатты. Илгери, тардуштар Ишпара менен Асана шер менен болгон согуштарда жөө жоокерлер менен жеңген экен. Бул жолу да аттуу жоокерлерди иштетпеген. Бештен адамды бир кошуун кылып, бир адамга ат жетелетип коюп, төрт адам алдында согушуп жүрүп отурган. Буйругундагы: «Жеңишке жеткен соң, аларды атчан кууп жөнөгүлө, жеңилсеңер өлгүлө, өлсөңөр үйүңөрдөгү эмерек-мүлкүңөр менен андан аркы жоокерлерди толукта» – деп буйрук берген. Салгылашууда түрк колу жеңилип калган. Тардуштар аларды атчан кууп жөнөгөндө, Ли Жөгөн жааны жаадырып атып, көптөгөн аттар жаа огу менен өлгөн. Ли Жийе жөө жоокер алсыз эндегей жагынан каптап соккон, ошону менен тардуштар жеңилген. Уруу башы Саванчы кыл атчан жоокерлерди тандап алып, алардын ат жетелегендерин алды менен согуп, тардуштар аттарынан айрылып, качууга аргасыз калган. Ошондо нече миңдеген жоокерди кырып, он беш миңин туткунга алган. Тардуш шад качып жөнөгөн, Саванчы аны кууп жетпей калган. Тардуштардын колу тарап, Чөлдүн түндүгүн көздөй качкан. Ошондо алар улуу карга тушугуп, ондон сегизи өлгөн. Ошондо тардуштар сыйкыр аркылуу кар жаадырып, Ли Жийенин кошуунуна жолтоо кылмак болгон экен, бирок анын тетириси болуп, өздөрүнө балекет таап алган.

Ли Жийе кошуунун баштап Дыңшаңга жеңиштүү кайткан. Теңир уулу (падыша) элчи жиберип, кат жазып, алардан ал сураткан. Кызмат өткөргөндөрү менен өлгөндөрүнө сыйлык бердирген. Бүт эле ордодо буйрук күтүп турган тардуштардын элчилерин кетирген. Анан аларга: «Кахандарыңарга айта баргыла. Өзүңөрдү өтө каруулуу көрүп, түрктөрдү алсыз санадыңар, аларга көптөгөн айыптарды жүктөдүңөр, алардын аксакал кишилерин барымтага кармап алдыңар, мен жер бетинин ээсимин, алар силерге тийиштиби? Мындан ары бирдемени токтомду ойлонуп анан көтөрүп чыккыла, жеңилтектик кылууга эч качан болбойт» – деп эскерткен. Тардуштар элчи салып, кетиргендерин мойнуна алып, ыракматтарын айттырган. Ошондой эле абасы Ишбараны жиберип, үч миң жылкы тартуу кылган. Ошону менен бирге кудалыкка жуучу айттырган. Анда падыша: «Тардуштар тегинде бир Иркин экен, аны мен көтөрмөлөп койгомун. Алардын алы-күчүн Эл (кахан) менен теңтайлаш келет деп божомолдоого болот. Ал эми өзүнчө эле чек арада бүлүк чыгарганын көрбөйсүңбү» – деп кудалык кулдугун кабылдабай койгон.

Кийинки жылы тардуштар элчи жиберип, жылкы, уй, кой, төө сыяктууларды тартуу берген. Кадыресе, дагы болбой эле кудалыкка жуучу айттырган. Ошондо падыша вазирлердин чогулушун ачып: «Тардуштардын өжөрлүгүнө эки амал бар: биринчиси, кылданган жоокерден жүз миңди салып, аларды какшатып чаап, бүт тамырынан кырып жоготуу. Бул – эң узакты ойлогон амал; экинчиси, кудалыкка ынабай, аларды кынабында туруп, чек арага жасаган жоругун кайталатпоо бул – отуз жылдык амал. Кайсыл ыкым жакшы?» деген. Анда Паң Шуанилың: «Азыр чоң дүрбөлөңдөн калган элибиз турат. Согуштун жарасы али айыга элек кез. Тардуштар менен согушсак, жеңип чыгарбыз, бирок ал деле опурталдуу жол экен. Дагы эле кудалашкандан жакшысы жок» деген. Ошондо падыша: «Төп айттың» – деп, Шиңшиң ханыш кызды аларга бермек болот. Төлөш мырзаны чакыртып келип, вазирлер тизилип туруп сонун жарактарды тизип коюп, «Жакшылыкты куттуктоо», «Дүмөк салуу» деген күүлөрдү чалдырып, кадыресе он түрдүү бий ойнотуп көрсөткөн. Төлөш ийилип туруп (падышага) узун өмүр тилеген. Падышалык тапшыруу боюнча Инан келип көчүрүп кетүү айтылган. Падыша Лиңжу аймагына барып, тойду өткөрүп бермек болгон. Инан аябай кубанып, жана таң калып: «Мен телелердин бир уруусунун гана кол башчысы элем, падыша мени кахандыкка коюп, кадыресе, ханыш кызды мага бергени отурат. Ал тургай менин ишимди деп чек ара жакасына келген жатат: мендей бактысы ачылгандан дагы ким бар дейсиңер?» деген. Ошону менен элинен кой, жылкы чогултуп калың үчүн мал камдаган. Кээлери Инанга: «Кахан менен Таң окшош эле эки мамлекет башчыларсыңар, анан эмне сен ага барып, баш ийип жүрөсүң, эгер ал зордоп багынткан болсо, эми деле айнып алууга болот эмеспи?» дегенде, Инан: «Айтканың дурус эмес, менин угушумча, Таң Теңир уулу (падыша) абдан кишиликтүү, чар тараптын бардыгы ага келип каранды болуп жатыптыр. Мен эмнеге андай иштебейт экенмин? Чөлдүн түндүк жагына дагы бир ээ керек эмеспи. Мен эми бөлөк бирөөн издемек белем, ал болбогон амал» деген экен. Ошону менен жөкөрлөрү эчтеңке айта албай калыптыр.

Ошол кезде падыша байланыштуу мекемелерине коолу түшүрүп, Инан калыңдыкка бермек болгон малды чогултуп алууну буюрган. Бирок тардуштарда чогулта турган коргондор жок болгондуктан, убактылуу ордуларына жөн коюп, бат эле чогултуп алууга болбой калган. Арийне, Чөң чөлдөн айдап чыгарда чөп-суу жок болуу себептен кой, жылкылардан көбү өлүп кеткен. Ошого тартууну алуу убакты өз убагында бүтпөгөн. Падыша да Лыңжу аймагына баруу сапарын токтоткон. Чогулткан малдын жарымы корогон. Ошондо эл сөз козгоп: «Бөтөн эл дилдер деген мурдатан эле Жуңгого каранды эл эмес беле, эми минтип бере турган калыңын белендебей жатса, аларга кыз бере коюуга эмнеге ашыгып калды болду экен, мындан кийин Жуңгону жеңил баа кылуудан кабатырланабыз» деген сөз тарайт. Ошону менен бермек болгон кызды бербес болот да, элчи-жуучуларын кетирет. Ошондо бирөөлөр айткан экен: «Беребиз деп алып, эми убадасынан айнып алганы эмнеси» деген. Ошондо падыша: «Сенин андай караганың ката, илгери Хан сулаласы кезинде хондор абдан каруулуу болгон. Жуңго алар менен жоолаша албай, Теңиркутка кыз берген. Бул кезде түндүк дилдер алсыз, аларды мен тизгиндеп тура алам. Тардуштардын азыр мени кадырлап тургандыгы, алар жаңыдан гана кахандыкка көтөрүлдү. Ошого мага ыктап моюн сунуп турат. Ал эми тигил тоңра, бугулардын күч-каруусу тардуштарга таймашса жетмек, бирок алар аракет жасашпай турат. Анын себеби менден коркуп жатканы эле. Эми мен дагы ага ханыш кызымды берсем, ал Жуңгонун күйөөсү болуп калат да, кадыры жогору, жөлөнө турганы күчтү болгон соң, бөлөк барча элдер ага келип сөөнүп калат. Түндүк дилдер дайыма көкүрөктөрүнө кара нээттерди катып келе жатышат. Кичине эле өз алдынча коё берсе, көтөрүлүш жасап чыга келет. Мына эми мен аларга кыз бербей койдум. Бөлөк урууларуруктар муну уккан соң, тардуштарга чабуул жасабай койбойт, тардуштардын жексен боло турган маалы болуп калды» – дейт. Ошону менен Ли Сымо как айткандай эле тардуштарды чаап алган.

Тардуштар Төлөштү Диңшуанга чабуулга салган. Падышадан Ли Жийе аларды чептен кууп чыгаруу буйругу түшкөн. Кийин алар дагы элчи салып, Корыйага черүү аттанууда биз да көмөкчү черүү жиберүүгө жол берилсе деп суранып, падышанын ырайын чекмелетип көргөн. Ошондо падыша элчилерине: «Кетип каханыңарга айта баргыла, биз ата-бала чыгышка жортуулга жөнөмөк болдук, ал биздин чепке чабуул жасамак болсо, келе берсин» деген. Инан аны уккан соң, өтө кайгы тартып, эч кандай аракет жасай алган эмес. Ошону менен кайра элчи салып күнөөсүн мойнуна алганда, согушка бирге барып көмөктөшүү талабын дагы коюп туруп алган. Падыша ага ынаган. Корыйа Магылеш, Моху аркылуу Инанга пара берип, аны менен биргелешүүнү ойлогон. Инан ошондо коркуп, черүү сала албаган. Как ошол кезде оорудан кайтыш болгон.

Падыша ал үчүн аш берип аза күткөн.

Алгачында тардуштар токол катындан туулган Йарманды Төлөш кахан деп атап, чыгыш колдун кол башчысы кылып койгон, байбичеден туулган улуу уулу Барчыкты Сыло Йапку кахан деген ат менен батыш колго кол башчы кылып койгон. Ак жолдогу согуш Йармандын каразы менен болгон экен да, эли аны көп айтпаган экен. Кадыресе, Инанды өлүмгө алып барган. Ошондо Йарман шашып-түшүп элине кайтып бара калган. Барчык жоокер бөлүп аттандырып, аны өлтүрткөн да, өзүн: «Эл Күлиш шадистем кахан» – деп атаган. Ошондо, падыша кошууну Лыйавныңда экен. Ошого Барчык чек арага чабуул жасап турган. Ошондо падыша Жыйаңша ханы Давзуңду Шолжу аймагына тургузган. Дайжу аймак тутугу Саванчы менен оң кол жасакчылар кошуунунун сангуну Асана шерди Шыңжу аймагына тургузган. Сол жарактуулар кошуунунун ноён сангуну Сагувырынды Лыңжу аймагына койгон. Чабыш сылык түрктөр менен бирге коргондун түбүндө жолугушууну жайгаштырган. Барчын бул согуш камылгаларын билген соң, секин кайра кетип калган.

Барчык туулма шашкак мүнөздүү болгондуктан, атасынын кезиндеги кадырлуу вазирлерди өлтүрүп, анын ордуна өзүмө ишенимдүү дегендерди коюп алган. Ошого эли андан кабатырланып жүрөт экен. Аба шад Таң элчилери менен Мохулардын чыгыш жагында тийише кетишкен. Ошол кактыгыш ага пайдасы болгондуктан, ал элин коркута сүйлөп: «Таңдын жоокерлери келип калды» деген. Эл ошондо үркүп, ар кайсыл уруудагылар тозуптарап кеткен. Ситеми кахан тек бир канча он атчанды алып качып, Асана Жеңинге барып кошулган, ошондон узак өтпөй эле аны уйгурлар өлтүрүшкөн да, тукумунан бери кырып салган. Анын караштуу элинин 50–60 миң адам батыш өрөөндү көздөй качып барып Чынху Билге кагандын агасынын уулу Чомочойду кандыкка көтөрүп, Этмиш кахан деп аташкан. Ошону менен падышага элчи жиберип, жайын баяндатып: «Өтөгөн тоосун биз кармап турсак» – деп суранган. Падыша коолу түшүрүп, жоокерлик мекемесинен Сүй Дүнли менен Ли Жийе барып аларды тынч алдырып, алардын мамлекетин омоктоштурууну буйурган.

Телелердин (төөлөстөрдүн) ар кайсыл уруулары мурда тардуштарга багынып келген экен. Чомочой алсыз, жөлөксүз болсо да, алар дагы эле коркуп ага багынып беришкен. Падыша анын соңунда бир балакет болуп чыгуусунан кабатырланып, Ли Жийеге буйрук түшүрүп: «Тардуштар багынып берчү болсо, аларды жөн кой, эгерим көтөрүлүш чыгарчу болсо, аябай кыйратып сал» деген. Ли Жийе ал жерге барганда Чомочой абдан чочулаган. Ичинде аны менен согушууну ойлогон, бирок оозунда алпейим сөздөр менен багынгандыгын айткан. Ли Жийе анын оюн билип, черүү салып чаап алган. Беш миңдей адамын өлтүрүп, кары-картаңдарынан отуз миңдейин туткунга алган да, алардын мамлекетин ойрондогон. Чомочой Теңир уулунун (падышанын) элчиси Шавсыйе уйгурларда жүрөт дегенди угуп, ошол Шавсийеге жетип барып багынган. Аны менен бирге ордого келген. Ордодон ага оң жасак ко шуундун сангуну деген атак берип, жер-турак үй эн чи леп берилген.

Ошол кезде, тардуштардын мамлекети кыйраган кезде, бир кайырчы ага барган экен. Бирөө аны үйгө баштап тамак-аш беришиптир. Үйдүн аялы тигил адамдын башы бөрүнүн башы экенин көрүптүр. Бирок эри аны көрө албаптыр. Ал кайырчы (конок) тамак ичип болуп эле жолуна түшүптүр. Аялы эрине айтып, алар анын соңуна түшүшүптүр. Алар өтөгөн тоосуна келгенде, алдынан эки киши көрүнүп: «Биз Пир болобуз, сыр-тардуштар ойрон болуп жоголот» дешиптир. Анын соңунан кууп барган тигилер коркушуп, кайра качып артын караса жанагы эки адам көрүнбөптүр. Ошол кезде, как ошол айткандай болуп, жанагы тоонун этегинде алар жеңилип кыйрашкан экен.

Падыша тардуштар ойрондолгондуктан, ошол чөбө сыяктуу урууларды багынткысы келиптир. Давзуңга черүү баштатып, Асана шер сыяктуу адамдар бөлөк-бөлөк согушууга жиберген экен. Падыша өзү Лыңжу аймагына барып, ар кайсыл кол башчыларга буйрук берип турган. Ошондо телелердин он бир уруусунун бардыгы Теңир уулуна (падышага) багынып беришкен. Давзуң сыяктуулар Чоң чөл аркылуу тардуштардын калды-каттыларын, анын Аба тарканын кууп жүрүп, миңдей адамын өлтүрүп, эки жүз чакырымдай кууп жетишкен. Саванчы түндүк жолго жетип, уйгур уруу аксакалдары багынды деп айттырган. Жоо жактын элчилиги аларды ээрчип ордого келген, алар бардыгы нече миңдей адам болгон. Алар ордого келген соң: «Теңир сизди бизге кахан кылып буюруп койгон экен, урпактан-урпакка сизге кул болуп жүрүүнү каалайбыз. Өлсөк да өкүнбөйбүз» дешкен. Падыша аларды аймак, оодандарга жайгаштырган. Ошону менен түндүк жак секин тынчыган. Көп уруктан ордого келгендер болгон. Ошондо падыша алардан ал-жай сурап: «Силердин келишиңер кудум чычкан ийинине, балык булак суусуна жетишкендей иш. Мен силерге терең ийин, кенен булак болуп берем» деген. Дагы: «Мен бар, азыр жер бетинде чар тараптагы барча элдер бейпил болбой жаткан болсо, кийин буларды бейпил турмушка жеткирем, жакшылыктуу күн көрбөй жаткан болсо, жакшылыктуу күнгө жеткирем. Кудум чымын канат куйругуна сөөнүп жүргөнгө окшош силерди нече чакырым жерге жете турган кылам» деген. Ошондон соң алар бабалар күмбөзүнө тооп кылган. Аларды үч күн конок алган.

Үч жылдан кийин тардуштардын калган-каткан эли көтөрүлүш чыгарган. Падыша оң кол кошуундун ноён сангуну Чабыш Силикти аларды тынчытууга жөнөткөн. Йуңхуй жыл санагы мезгилинде (650–655-жылдарда) тардуштардын тозуп кеткен уруктары бүт чогулуп келишкен. Гавзуң Кытан аймагын куруп, аларды орун-очок алдырган.

Байгур. Байгурлар байегу (** ) же болбосо, багогу болуп айтылып келген. Чөлдүн түндүгүнө чачыранды жайгашкан. Жери миң чакырым келип, бугулардын чыгыш жагы, мокулар менен коңшу турушкан. 60 миң түтүн эли, он миң жоокери болгон. Жери чөптүү келип, асыл жылкылар чыгат. Темири жакшы. Аларда Карагай дайрасы деген бир суу бар. Ал мындай болгон. Карагайды кыйган экен. Ал ошол сууга жыгылып түшүптүр. Үч жылдан соң баягы суудагы карагайы ташка айланып калыптыр. Анын түсү көк болуп калганы менен жыгач темгилдери баягыдай эле турган имиш. Ошого эл аны Карагай таш деп атаган имиш. Салт-санаасына эли уучу келет. Жер эккендери өтө аз. Кыштын күнү муз үстүндө бугуга Чине тарткызып жүрүшөт. Үрп-адаты телелер менен негизинен окшойт. Тилинде биртке айырмалык бар.

Жынгуан жыл санагынын 3-жылы (629-жылы) бугулар менен тоңра, кыбыт, сеп сыяктуулардын адамдары бирге ордого келишкен. Жыңгуан жыл санагынын 21-жылы (647-жылы), Тай элтебир, Куттуу шад бүт эли менен келип каранды болгон. Аларга Йулин тутук мекемесин куруп, Куттуу шадды оң кол жасакчылар кошуунунун сангуну деген милдетке койгон, дагы тутук деген мансапка отурган. Шыйанчиң жылдарында (656–660-жылдар), изгил, бугу, тоңра бирге көтөрүлүш жасашкан. Падыша сол жасак кошуунунун ноён сангуну Жың Ринтейди кол баштатып жиберип, аларды кайра соккузган. Ал атармандарынын бардыгын башын алган. Тийанбо жыл санагы кезинде (742–755-жылдары), үч жолу ордого келген.

Бугу. Бугула бугу (** ) деп да жазылып келген. Алар төлөнгуттардын чыгыш жагына жайгашкан. Эли 30 миң түтүн болуп, түмөн жоокери болгон. Жери эң эле түндүк жакта болуп, салтында адамдары кыйык, өжөр келишет. Аларды чогултуп башчылык этүү абдан кыйын. Алгачында түрктөргө багынды болгон. Кийин сыр-тардуштарга сөөнүшкөн. Тардуштар кыйрап жоголгон соң, алардын баш кишиси Себек элтебир Калам Бойон келип Таңга каранды болгон. Ага Жинвийжу аймагын куруп, Калам Бойонду оң жайсаң кошуундун сангуну, аймактын тутугу деген милдетке койгон. Каййуандын алгачкы жылы аны уруу аксакалы Бугу өлтүргөн. Бугу Шавхаңга барып багынып берген. Байланыштуу мекеме аны да тындым кылып салган. Анын уулу Койон Жыды жыл санагы кезинде (756–757-жылдарда) кызмат көргөзгөндүктөн Шавфаңга аталык кылып милдетке койгон.

Тоңра. Булар сыр-тардуштардын түндүгү, төлөнгуттардын чыгышында жашашкан, баш калаа менен болгон аралыгы жети миң чакырым келет. Күчтүү жоокери отуз миң болгон. Жынгуан жыл санагынын 2-жылы (628жылы) ордого элчи жиберген. Ошондон бир кыйла көп убакыттан кийин анан каранды болууну суранган. Алар үчүн Гүйлин тутук мекемеси курулуп, алардын аксакалы Элтебир Жигенчорду сол кол кошуундун ноён сангуну, тутук деген мансаптарга койгон. Ан Лушан көтөрүлүш жасаган кезде, анын жоокерлери да күчтүү аттанышка келип, «эр кол» деп аталган. «Эр кол» дегенди биздин «эр азамат, азаматтар» дегенге окшош экен.

Гун. Булар барча элдердин эң түштүк жагында. Түрктөрдүн Эл каханы жеңилген кезде элтебир Атамке деген келип, бизге эл болууну суранган. Сыр-тардуштар ойрон болгондо, Тай элтебир Гунон бүт элин баштап келип бизге каранды болгон. Алардын жерине Гавлан тутук мекемеси курулган. Кийин ал чыгыш, батыш аймактарга бөлүнгөн, Тайзу падыша Атамкенин Гунонго бакканда кадырлуу экенин байкап, котормочу жиберип, Гунонго туюнтма берип көргөн, Гунон такты бошотуп берүүгө көнгөн. Падыша анын такты бошотконуна чоң сыйлык берген. Атамкени оң жасакчылар колунун Бойон сангуну, Гавлан аймагынын аймак башы деген милдеттерге койгон. Гунонду Йунмо сангун кошумча элтебир болуп Атамкенин орун басары деген милдетке койгон. Атамке каза болгон соң, анын уулу Койгой такка отурган. Койгой кайтыш болгондо анын уулу Тайчы такка отурган. Тайчы кайтыш болгондо анын уулу Чекче такка отурган. Чекченин баатырлыгы бөтөнчө чыккан да, каскан менен бирге таш коргонду чаап алган. Ошого ал оң кол жасакчылар колунун ноён сангуну болуп көтөрүлүп, Рунан өкүл атасы деген мансаптарга коюлган.

Ли Гүаңжы Хыңйаңды коргоп турган кезде, Чекче

Шавфаңдын жер жоокерлеринин сырын билет деген мартаба менен орун басар кол башчы болгон. Кийин Ныңшав ханы, Шавхаң аталыгынын орун басары болуп көтөрүлгөн. Бугу Койон качып келип, калаага кайттым дегенде, Чекче: «Сөзсүз элиң тозуган экен» – деп, аны кабыл алгысы келбеген. Бирок жээни Жаң Шав: «Ал кылган иштерине өкүнүп, кайра бизге келген болуп жүрбөсүн, аны эмнеге кабылдабайбыз?» деген. Чекче ошол сөзгө ишенип, бугулардын Койонун кабылдаган. Койон ал калаага кирген соң, Жаң Шавга Чекчени өлтүртүп, анын кошуунун колго киргизип алган. Кийин Жаң Шавдон да тажап: «Сен тагаңда чыккынчылык жасаган неме мага ак жүрөк боло аласыңбы?» – деп сөгүп, анын бутун чагып салган. Ал Миңбалык калаасында абакта өлгөн. Чекченин уулу Кым болсо, Жеңжуң жыл санагы кезинин (780–783-жылдардын) кызмат көрсөткөн кадырман адамы болгон.

Чүбө. Чүбөй (*** ) деп да айтылган. Алар Карашаардын батыш түндүк жагында Йыңшачуан өрөөнүндө болуп, төлөнгуттардын түштүгүндө болгон. Булардын баш кишиси Калын өзүн: «Эмүчин баатыр кахан» – деп жарыялаган. Инисинин аты Баатыр тегин экен. Бул экөө тең баатырлардан болгон. Баатыр өлгөн соң, анын уулу Кыр бүткүл элин алып келип каранды болгон. Бул Жыңгуан жыл санагынын 6-жылындагы (632-жыл) иш болгон. Падышалык коолу боюнча аларды Ганжу аймагы менен Лыйаңжу аймагынын ортосуна жайгаштырып, алардын жерине Ухи аймагын курган. Йуңхуй жыл санагынын 4-жылы (653жылы) булардын элине Хылан тутук мекемеси курулуп, ал Жанран коргоочу мекемесине карамай болгон. Кыр согушта күч көргөзгөн, кадыресе, ак жүрөк, туштуу адам болгон. Дахы жыл санагы кезинде (827–835-жылдары) анын эли Жынвуга каранды болгон.

Төлөнгут. Төлөн (** ) деп да айтылган. Алар сыр-тардуштардын чыгышы Тоңра суусунун боюнда жашашат. Кыл жоокери түмөн болгон. Тардуштар ойрондолгон соң, алардын баш кишиси Иркин Төлөнгут Мар уйгурлар менен бирге ордого келген. Булардын жерине Жанран тутук мекемеси курулуп, Төлөнгут Мар оң жасак кошуундун ноён сангуну, тутук деген мансаптарга коюлган. Ал өлгөн соң, Дөлөнгут Сабектай элтебир болуп, тутук мансабына ырастуу болгон.

Адиз. Хыды (** ), шады (** ) деп айтылып келген. Мурда байгур сыяктуулар менен бирге ордого келишкен. Алардын жерине Житенжу аймагы курулган. Каййуан жыл санагы убагында (712–741-жылдарда), Адиз Сатай түрктөрдүн Мойун чорго келип багынган. Кийин Гуаңжын, Гауңйан калааларынын согушунда эрлик көрсөткөндүктөн тек атын Ли дегенге өзгөртүп, киринди болуп кошулган.

Карлук. Карлуктар тегинде түркү улуттарынын бирөө эсептелет. Бешбалыктын түндүгү, Алтайдын батыш жагына жайгашкан болуп, Бугучин суусунун эки жээгинде жашашат. Алар кабы улуту менен чек аралаш келишет. Жалпы үч урук бар. Бирөө – булак, же мурда. Дагы бирөө – чигил, же себек. Үчүнчүсү – ташлык. Йуңхуй жыл санагынын алгачкы жылы (650-жылы) Гавкан кабы каханга черүү салган да, алардын үч уругу тең каранды болгон. Шыйанчын жыл санагынын 2-жылы (657-жылы) булак уруусуна Йинсан тутук мекемеси, чаңыл уруусуна Дамо тутук мекемеси, таштар уруусуна Шуанчы тутук мекемеси курулуп, алардын уруу аксакалдары тутук милдетине коюлган. Кийин чигил уруусунан бир бөлүмүн бөлүп чыгып, Жинфужу аймагына кошкон. Бул үч уруу тең чыгыш-батыш түрктөрүнүн арасында болуп, алар менен кошо жалчып, кошо алсыздап, же алар менен кошо көтөрүлүш жасап, же кошо каранды болуп жүргөн. Кийин улам-улам түштүккө ооп келип, өздөрүн «үч урук йапку» деп атаган. Алардын жоокерлери каруулуу, согушту укса кубанып турушат экен. Тыңжу аймагынын батыш жагындагы ар кайсыл түрк уруулары бүт алардан коркушат экен.

Каййуан жыл санагынын алгачкы жылы (713-жылы) эки жолу ордого келишкен. Тийанбо жыл санагы кезинде (742–755-жылдары), уйгурлар, басмылдар менен бирге Узмуш каханды чаап алып өлтүргөн. Дагы уйгурлар менен бирге басмылды чапкан, анын каханы Бешбалыкка качып барып, кийин биздин ордого келген. Карлуктар тогуз урук менен бирге дагы бир да жолу уйгурлардан йапку көтөргөн. Ал мээрлүү кахан деп да аталды. Ошол кезде карлук улуту өтөгөн тоосунда жашашып, уйгурларга каранды болуп турган. Ал эми Алтай тоосу, Бешбалыктагылары өзүнчө йапку коюп алышкан. Алар жылына биздин ордого тартуу берип турган. Кийин йапку Түн билге түрктөрдүн чыккан баш кишиси Абасты кармап берген. Ошого ал Алтай тоосунун ханы деген атакты алган. Тийанбо жыл санагы кезинде (742–755-жылдарда), беш жолу ордого келген.

Жыды жыл санагы кезинен (756–758-жылдардан) кийин карлуктар улам каруулана баштаган да, уйгурлар менен басаке талашып, он урук адамы кахандын байыркы конушуна көчүп барып, Суйаб, Талас калааларын ээлеп калган. Бирок ошондо да уйгурлардын карамагынан бошоно алышкан эмес. Алар ордого келгенде өз алдынча тура алган эмес.

Басмыл. Басмылдар Жыңгуан жыл санагынын 23жылы (649-жылы) анан ордого келген. Тийанбо жыл санагынын алгачында, уйгур Йапку менен түрк каханын өлтүрүшкөн. Ошондо басмылдардын баш кишиси Асана шерди Алп билге кахан кылып көтөргөн. Ал ордого элчи жиберген. Шуанзуң (падыша) күлгүн торко тон кийгизип, алтын кур курчап, тумарча капчык сыяктууларды берген. Үч жылга жетпеген убакытта карлуктар, уйгурлар аларды чаап кеткен. Ал Бешбалыкка качып барган. Кийин ордого келип баш калаада болгон. Ал сол жасак кошуундун сангуну деген милдетке коюлган. Анын жери, эли уйгурларга карай турган болгон.

Туба. Тубалар дубо (** ) деп да жазылып келген. Булардын жергесинин түндүк жагы Кичик деңизге туташып, батыш жагы кыргыздарга чектеш, түштүк уйгурларга туташат. Алар үч бөлүккө бөлүнөт да, алардын бардыгы өздөрүн өздөрү бийлешет. Алардын адатында мезгилге бөлүп отурбайт. Чөптөн үй жасап алышат. Мал күтүшпөйт, же эгинчиликти билишпейт. Жерине уулжан көп өсөт. Анын түбүн казып келип жешет. Андан бөлөк, балык, канаттуулардын, кайберендердин эти менен азыктанышат. Суусар терисин, бугу терисин кийим кылышат. Жардылары канаттуулардын саңоолорун кийим катары кийишет. Үйлөнгөн кезде, колунда барлары жылкы калың төлөйт.

Жардылары бугу териси, чөптүн тамырларын калың беришет. Өлгөндө жыгач чабырга салып, тоонун бир жерине коюп коёт, же дарактын башына байлап коюшат. Өлүмдө ыйлагандары түрктөргө окшойт. Жазалоо деген жок. Ууруну кармап алса, эселеп айып төлөтүп алат. Жыңгуан жыл санагынын 21-жылы (647-жылы) корыкандар ордого келгенде, алар дагы элчи кошуп жиберип, Жуңго менен каттоо кылган.

Корыкан. Корыкандар Каңгайдын түндүгүндө болуп, күчтүү жоокери беш миң келет. Жеринде уулжан көп өсөт. Жакшы жылкы чыгат. Жылкыларынын баштары төөнүн баштарына окшойт. Сөөк-саактуу келет. Жарым күндө нече жүз чакырым жерге баргалы болот. Булардын жери түндүктө деңизге туташып турат. Ордодон (баш калаадан) аралыгы өтө алыс. Деңизден ары түндүккө жүргөн сайын күндүзү узун, түн аябай кыска боло берет. Күн отурганда казанга салып койгон эт бышканча таң да атат. Алардын күндүн чыгыш жагына жакын экендигин ушундай айтууга болот.

Алар ордого келген соң, ага жооп иретинде падыша Йүнмо сангун Каң Сумыны жиберип, алардан ал-жагдай сураткан. Алардын жерине Шуаңку аймагы курулган. Алардын уруу аксакалы Иркин элчи жиберип, жылкы тартуулаган. Падыша ал жылкылардын ичинен он тулпар тандап алып, ал тулпарларга: Аккула алчаң боз, Ачбуудан, Жылтыркара, Булуткөк, Учар боз, Чакмак жээрде, Алтын көкүл, Үкү аяк, Алп тору деген ысымдарды койгон. Ал элчилерге аябай сыйлык берип жөнөткөн. Луңшав жыл санагы кезинде (661–663-жылдарда), Шуанкужу аймагы Йувужу аймагына өзгөртүлгөн. Ал Каңкай тутук мекемесине караган. Йанзай жыл санагынын алгачкы жылы (694-жылы) алардан да ордого келген.

Ак сеп. Ак септер санбилердин байыркы жеринде жашашкан. Алар баш калаанын чыгыш түндүк жагынан аралыгы беш миң чакырым келет. Тоңра, бугулар менен чектешип турат. Сыр-тардуштарды жарып өтүп, Окей суусу, Лиңйаң тоосун кайтарып, анда байыр алышкан. Түштүгү кидандар, түндүгү орозду, чыгышы мокулар, батышы байгурлар менен коңшу келет. Аларга караган жердин тегереги эки миң чакырым болуп, тегеретеси бүт эле тоолор менен курчалып турган. Күчтүү жоокери он миң экен. Жаа менен аң уулоону кесип кылышкан. Кийимдерине кызыл териден кизек кармайт экен. Ургаачылары мис билерик салынып, өңүрлөрүнө шалдырак жасалгаларды такап жасап алышкан. Булар үч уруу – гайан, манамыр, хуаңсу. Булардын баш кишиси түрктөрдүн Эл каханына каранды болгон. Ал иркин деген милдетке койгон.

Жыңгуан жыл санагы кезинде (627–650-жылдарда) эки жолу ордого келишкен. Кийин алардын жерине Деңиран аймагы курулган. Башка урууларга Гайанжу аймагы курулуп, иркин аларга аймак башы болгон. Шийанчын жыл санагынын 5-жылы (660-жылы) уруу аксакалы Ли Ханжу Гайан аймагына тутук болуп милдетке коюлган. Ли Ханжу өлгөн соң, анын иниси Куту ордуна олтурган.

Кийин алардан дайын болбой кеткен.

Коксар. Коксарлар төлөнгуттун түндүк жагына жайгашкан. Каруулуу жоокери түмөн адам болгон. Кыңыт Тоңранын түндүк жагында болсо, изгилдер тардуштардын байыркы ордосунда болгон. Бул эки уруунун бирикме жоокери эки түмөн болгон. Булар ордого келген соң, алардын жерлерин аймак, ооданга бөлүп курулган.

Тайзуң (падыша) кезинде, түндүк дилдерден өздөрү ордого келе ала тургандарынан дагы орогундар болгон. Алар «улоху, улоку, (***, ***, *** ) деп жазылып келген. Алар баш калаанын чыгыш-түндүк жагынан 6 миң чакырым келет. Чыгыш жагы мохыларга жакын, батышы түрктөр менен чектешет. Түштүгү кидандарга, түндүгү кубандарга коңшу келет. Кубан (* ), губан (** ) деп да жазылат.

Дагы кик (* ) дегенге эл болот. Алар кээде кей (* ) деп да аталып келген. Булар байгурлардын чыгыш түндүк жагына жайгашкан. Дарак-бадалдары болот. Бирок чөп чыкпайт. Жерине мох гана өнөт. Аларда кой, жылкы болбойт. Адамдары мал бакканга окшош бугу багып алышат. Бугулар тек мох өсүмдүктү гана отойт. Ошол жердеги адамдар бугуну чанага чегишет. Бугу терилерин ки йим кылышат. Жыгач менен үй салып алышат. Тектүү лөрү менен тексиздери аралаш тура беришет.

Андан бөлөк учет деген эл дагы бар. Жери бир кыйла кеңири. Салт-санаасы байгурлар менен жакын. Кою, жылкысы аз, суусары көп болот.

Андан бөлөк, ала жылкылуулар деген эл болот. Аларды была (** ), калаш (*** ) деп да жазып келген. Алар түрктөрдүн түндүк жагында баш калаадан 14 миң чакырым алыста болуп, жайыт-суу кубалап оторлоп жүрүшөт. Кантсе да тоо койнунда жүрүүнү жактырышат. Каруулуу жоокери отуз миң экен. Жеринде көбүнчө мөңгү жатат. Дарактары казаңдабайт. Ат менен жер эгет. Жылкылары ала болгондуктан мамлекет аты да ошого карай коюлган. Түндүк жагы деңизге тиштешип турат. Алар жылкы күтүнгөнү менен аны унаа катары урунушпайт. Тек сүтүнөн кымыз кылып ичүү үчүн гана урунушат. Алар дайыма кыргыздар менен чабышып турат. Адамдарынын түспөлү кыргыздарга окшоп кетет. Бирок тилдери бөлөк. Чачтарын кыркып алышат да, кайыңдын кабыгынан баш кийим кийишет. Жыгачтан кудуктун кандыргасы сыяктуу жасашып, аны кайың кабыгы менен жаап үй кылып алышат. Ар бир урук адамында бирден баш кишиси болот. Алар бир-бирине каранды болушпайт.

Таркан. Бул эл киктердин түндүк жагында. Аларда кой, жылкы көп болот. Адамдары олбурлуу келет. Ошого өздөрүнүн дене келбетин көрсөтүп, мамлекет атын Таркан койгон. Алар киктер менен бирге кыргыздын Кем дайрасынын бойлорунда жашашат.

Бул уруулардын бардыгы мурда моюн сунбай жүргөн экен. Жыңгуан жыл санагынан Йунхуй жыл санагына чейин (627–655) алар суусар, жылкы тартуу алып келип ордого келген. Кээлери бир жолу эле эмес.

ЖАҢЫ ТАҢНАМА

                                                                                                43-ором

Кыргыз тутук мекемеси. Жынгуан жыл санагынын 22-жылы Ишбара йапкунун элине курулду.

Жаңы Таңнама жуграпийа тезкиреси 33түн төмөнкү бөлүгү.

Кыргыз тутук мекемеси кыргыздарга курулду.

ЖАҢЫ ТАҢНАМА, 217-ором

                                                                              Жөн баян, 142

Кыргыздар. Кадыресе, байыркы Кыргыз мамлекети (*** ). Жергеси – Ыбырколдун (Комулдун) батышы, Карашаардын түндүк жагы, Теңир-Тоо (Ала-Тоо) өңүрлөрүндөгү чөлкөмдөр. Алар мурда Жү Ву (** ). Же Гу (** ) деп да аталып келген. Тукумда дилдердин (** ) аралашма уругу бар. Хондордун батыш жагында турушат. Хондор ханзулардын багынган кол башчысы Ли Лиңди аларга оң кол шад кан кылып, Вий Лүйдү дилдерге кан кылып жиберген. Кийин Кутуйуш теңиркут кыргыздарга чабуул жасаган. Ал кезде чыгыш жагы теңиркуттун ордосунан 7 миң чакырым алыста, түштүк жагы Каңкылга 5 миң чакырым келет болчу. Ошого Кутуйуш ал жерди борбор болуп турууга таштаган экен. Ошондуктан кийинки урпактар ээ болгон ал жер Кыргыз (Же гу) аталып кетиптир. Андан бара-бара Хы Гу (** ) болуп айтылып өзгөрүптүр, кайра Хыкыс (***) деп да айтылат экен.

Ошондо эли 100 миң, жетик жоокери 80 миң экен. Уйгурлардын түндүк батыш жагына чейин аралыгы 3 миң чакырым болуп, түштүк жагы Түмөн тоосуна такалып турган. Жергеси жайдын күнү суу-сөлдүү болуп, кыштын күнү кар көп жатат экен. Адамдары кабелтең, жээрде чачтуу, ак жүздүү, көзү көк келет экен да, кара чачтуулары нышаналуу эмес деп каралат экен. Кара көздүүлөрү ошол Ли Лиңдин тукумунан экен. Эрлер аз. Ургаачылары көп болгон. Алар сөйкө салынышат. Элдик каадасы ачык-айрым болот. Эрлеринде эрдемсигендери билектерине гүл саймасын түшүрүп алат. Ургаачылары эрге тийгенден кийин мойнуна гүл сайгызып алат. Бир үйдө чогуу турушат. Эр-аялдык иштери эрктүү боло берет. Жылдын башын «баш ай» дешет. Айды «ай» деп атайт. Үч айды бир мезгил эсептейт. Он эки айбандын аты менен айтылган жыл санагы бар. Алып айтсак, 3-жылды «Жолборс» деп атайт. Абасы суук, чоң дайраларынын жарымы муз тоңот. Эгиндери – сулу, таруу, буудайлар бар. Тегирмен менен ун тартышат. Чын куран айында эгин эгишип, бетишин айында ( 9-айда) түшүм алышат. Эгинден тамак-оокат жасашат, ичимдик ачытышат (арак). Мөмө, жашылча болбойт. Малынын ичинде жылкылары абдан чоң болот, алышканда кайсы күчтүү болсо ошону айгыр салышат. Андан бөлөк төө, уй, кой сыяктуу малдары бар. Болупта уй көп болот. Байларында кадыресе миң баштан көбүрөөк уйлары болот. Жапайы жаныбарлардан: кулан, куран, аркар-кулжа, бөкөн, бугу-марал, кара куйрук (элик) болот. Кара куйруктун түспөлү бугуга окшош болуп, куйругу узун, ары кара келет. Балыктан узундугу 7–8 сөөм (Чи) келе турган кээ бирөөлөрүнүн кылканы жок, оозу тамагынын алдында боло турган балыгы болот. Канаттуулардан: каз, өрдөк, карга, сагызган, ылаачын, бүркүттөр болот. Өсүмдүктөрдөн: карагай, кайың, четин, тал, бадал болот. Карагайлары эң эле бийик болот дейсиң, тим эле башына жаа тартса, жебе жетпейт. Кайыңы эң эле көп. Кендерден: алтын, темир, калай болот. Ар жолу жаан жааганда, ылакап кылып айтышып: «Темир табылат» – деп коюшат экен. Алар аны «экиш, киша» деп атайт. Темирден каруу-жарак жасаса эң эле курч болот экен. Дайыма түрктөргө сатып турушат экен. Согушка жаа, жебе иштетишет. Туусу бар. Атчан жоокерлери жыгачтан калкан алып жүрөт, ал бутуна чейин жаап турат экен. Андан бөлөк төгөрөк келген калканы болуп, ал жондуу бычак, жебеден калкалап турат экен.

Баш кишисин «Эр» деп аташат. Кадыресе, бүт эле улут «эр» сөзүн тек ат кылып иштетет. Бир чоң туу сайышат (курушат). Демейде туусу кызыл болот да, ар кайсы уруу өздөрүнүн белгисин ага түшүрүшүп алышат. Кадыр-барктуу кишилери суусар, калтар терисинен жасалган кийимдерди кийишет. (Баш киши) Эр кыштын күнү суусар тебетей киет, жайында төбөсүнө алтын отогот тагылган төбөсү шоңшогой, кизеги кайрылган калпак киет: нөкөр, жөкөрлөрү демейдеги калпактарды кийишет. Кисе асынып жүргөндү жакшы көрүшөт. Карапайым адамдары териден жасалган кийимдерди кийишет да, баш кийим кийбей жүрүшөт. Ургаачылары торко, буулум, жибек кездемелерден кийим кийишет. Булардын бардыгы Күчар чөлкөмү (Аншы), Бешбалык (Бейтин), араптардан алып келип сатылат. Эр кишинин (баш киши) ордосу Көкмөн тоосунда, ордо жыгачтар менен калап коргон салынып, чоң ак өргөө ортосунда тигилген болот. Аны «бөдке» (*** ) деп аташат экен. Калган мансаптарлар кичик өргөөлөрдө турушат. Ар жолу черүү аттантканда, ар кайсы каранды уруулар да бирге аттанат экен. Алым-салыкка суусар, булгун терилерин өткөрүшөт. Алардын мансаптарлары: жайсаң, тутук, жасоол, аймак башы, сангун, таркан – алты даража болот. Мындан жайсаңы – жети киши, тутугу – үч киши, жасоолу – он киши болуп, бардыгы жоокерлик иштерди башкарууга акылуу экен. Аймак башы – он беш киши, сангун, таркандарынын саны бекитилбейт экен. Ар кайсыл уруулары эт жана кымызды аш-оокат кылышат. Анда жалгыз (баш киши) эр гана бал токоч жейт. Күүлүк аспаптарынан: чоор, доолбос, сыбызгы, сурнай, барабандары болот. Элдик оюндары: төө, арстан оюну, андан бөлөк, ат машы, аркан машы сыяктуулары болот. Түлөө-тооп кыла турган суунун, өсүмдүктүн ээлери пирлери болот. Түлөө өткөрө турган убакыт бекитилбейт. Бакшыларын «кам» деп атайт. Кыз алуу тоюнда калыңдыкка кой, жылкы берет. Байлар жүздөп миңдеп төрт түлүк калың бермейи болот. Адам өлсө жерлигине коёрдо, ый-сыйытында бетин тилишпейт. Сөөктү үч тегеренип өкүрүп ыйлашат. Өлүктү күйгүзүп, сөөгүн жыйып алып, бир жылдан соң бейитине көмөт. Ошондон соң анан жоктоо ый-сыйнатын бүтүшөт. Кышындасы үйлөрдө турушат. Үйдүн үстүн дарак кабыктары менен жабышат. Алардын жазуусу, тили уйгурлардыкы менен окшош. Закон-жосуну аябай бекем. Согуштан коркуп качкандардын, элчиликти аткара албагандардын, мамлекет ишине ушак аралаткандардын башы алынат. Баласы уурулук кылмышын өткөрүп башы кесилген болсо, анын башын атасынын мойнуна асып коёт да, ал өлөр-өлгүчө анын мойнунда жүрөт. Эр кишинин ордосунан уйгурлардын ордосуна баруу үчүн төө менен жүрсө 40 күндүк жол. Элчи Тийандыдан (** ) чыгышка карай 200 чакырымдай жүрсө, батыштагылар багынган шаарга жетет. Түндүккө карай 300 чакырым жүрсө, Суксур булакка жетет. Андан ары батыш түндүккө карай, уйгурлардын ордосуна карай бир миң 500 чакырым жүрсө жетет. Ошол арада чыгышка, батышка кеткен эки айрык жол бар. Булактын түндүк жагындагысы чыгыш жол болот. Уйгурлардын ордосунан түндүктү көздөй 600 чакырым жүрсө, Селенги дайрасына барат. Дайранынын чыгыш түндүк жагы карлуу тоо келет да, суу булактары көп болот. Көкмөн тоосунун чыгыш жагында Кем дайрасы бар. Андан катар кеме өтө алат. Дайра чыгыш түндүккө карай агып, алардын мамлекетин аралап өтөт. Суулардын бардыгы түндүк жакка кошулуп, деңизге куят.

Чыгышка карай жүрсө, чаңгылуу түрктөрдүн үч уруусуна баргалы болот. Алар – туба, белер, каңач. Алардын баш кишилери иркин болот. Кайыңдын кабыгынан үйдүн төбөсүн жаап алышат. Жакшы жылкылары болот. Адаты муздун үстүндө чаңгы тээп зымырап жүрүшөт. Чаңгы дегени тактайды бутуна байлап, кайкы келген жыгачты ал тактайдын астына бекитет. Ошону менен бир күүлүү демжисе гана нече жүз арым жылгаяк кете берет. Канча ылдам болсо, ошончо күүлүү жылгаяктап жүрөт. Түндөсү чыгып карактай качышат. Күндүз бугуп жатышат экен. Кыргыздар аларды өздөрүнүн кулдары кылып алышат.

Кыргыз (** ) түбүндө күчтүү мамлекет болгон. Жери түрктөр менен тең. Түрктөр алардын баш кишисине кыз берген. Чыгыш жагы корыкандар менен чектешип турат. Түштүк жагы Тибетке беттешет. Батыш түштүк жагы карлуктарга туташат. Алгачында сыр-тардуштарга каранды болушкан экен. Тардуштарды элтебир бир киши гана мамлекетин бакылап турчу экен. Алардын мансаптарлары үч киши болгон: кешик бий, жасак бий, умай бий – булар биригип мамлекетти башкарып турушкан. Жуңго менен карым-каттоо кылышпаган экен. Жынгуан жыл санагынын 22-жылы (648-жылы) телелер (төөлөстөр) сыяктуулар ордого адам жибериптир дегенди угуп, анан элчилик жөнөтүп, тартуу буюмдарын жеткиздирип, анан баш кишиси элтебир, Ишбара ажо өзү сулаланын ордосуна келген. Тайзуң падыша (аты – Ли Шимин) конок алып сыйлап, ал конок алган соорунда вазирлерине: «Өткөндө Вийчавдо үч түрктүн башын алдык эле, ошону өзүбүзчө көп кызмат көргөздүк деп калган элек, мынакей, бүгүн элтебир сол жагыбызда олтуруптур, мындан да артык мөрөй болбосо керек» – дейт. Ошондо элтебир шарапка кызый вазирлик чен тактайды кармап тургум келет деген. Падыша алардын жерине кыргыз тутугун курат да, элтебирге сол кол коргоочу аскердин сангуну деген чен, тутук деген мансап берип, Йанран коргоочу мекемеге карай турган кылып коёт. Алар Газуң кезинде (650–683-жылдар) эки жолу ордого келишкен. Жылуң жыл санагы аралыгында (707–710-жылдар) тартуу берип турушкан. Жуңзуң падыша (аты – Ли Шийен) (705–707-жылдар) алардын элчилиги менен көрүшкөндө, алардан ардык, ал сурап: «Силердин мамлекет мени менен теңата келет, бөлөк каранды элге теңелбейсиңер» – деп шарап сунган. Элчи ыракматын айткан. Шуаңзуң падыша (аты – Ли Лоңжи) кезинде (712–756-жылдар) төрт жолу тартуу алып келишкен.

Чыйанйуан жылдары (758–760-жылдар) уйгурлар аларды чаап алат. Ошондон баштап Жуңгого барды-келди болбой калат. (Кыргызды) кийин дилдер тили келбей чалайлатып Шыйажас (Хуагис) деп коёт. Уйгур тилиндеги мааниси «кызыл жүздүүлөр» деген болот экен. Андан соң дагы тил келбей чалайлатып Жийажас (Гиагас) деп жүргөн. Алар (кыргыз) дайыма араптар, тибеттер, карлуктар менен өз ара эштешип келишкен. Тибеттен каттоочулар уйгурлардын карактоосунан коркуп, карлук жеринде тыныгып турат экен да, кыргыздар аларды келип коргоп өткөрүп кетишет экен. Араптарда бир түрдүү оор торко (олпок) болуп, аны 24 төөгө жүктөсө араң алып келгели болот экен. 24 төөгө бир нерсени туташ жүктөгөлү болбойт, айтор, 24 бөлүп жүктөгөн чыгар. Аны ар үч жылда бир жолудан кыргыздарга жеткирип турган. Уйгурлар алардын (баш кишиси) Эрге «Билге тун иркин» деген мансапты берген экен.

Уйгурлар бара-бара алсырайт, Эр киши өзүн хакан атайт. Анын энеси түркөштүн кызы экен. «Эне катын» деп атайт экен. Аялы карлук йапкунун кызы экен. Ал «катын» деп аталат. Уйгурлар жайсаңын баштатып, черүү салып барып жеңилип калат. Ошентип 20 жылдап согушуп, элдешпей жүрөт. Баш киши Эр өзү черүү баштап согушка чыгып, аларды жеңет. Ошондо дымактуу сөз менен аларды сөгүп: «Силердин көрөр күнүңөр бүттү. Мен силердин ордоңорду алып, ордоңордун алдында ат ойнотуп, кырча бастырып, туумду ошол жерге саям. Салгылашар чамаңар болсо гана бери чыккыла: эгерим чамаңар келбесе, дароо жоголуп, жоксон болгула» деген экен. Уйгурлардын согушка чыгууга чамасы келбей, анын ноёну Күлүк бахадур Эрди (баш киши) баштап келип, уйгурлардын хаканын өлтүрүп салат. Тегиндери бүт торомпою тоз болот. Эр (баш киши) өзү черүү баштап чыгып, алардын ордосун жана ханыш кыз турган алтын өргөөсүн өрттөтүп салат. Ал уйгурлардын хаканы дайыма тура турган ордо болгон. Алардын бардык казынамүлкүн олжого алат. Кадыресе, ханыш кыз Тайхыны өз колдоруна алат. Ошондон соң ордосун Лавсаң тоосунун түштүк жагына көчүрөт. Лавсан Түмөн тоо деп да аталат. Уйгурлардын көөнө ордосу менен аралыгы Мөлчөр менен атчан адамга 15 күндүк жол келет. (Баш киши) Эр ханыш кыз Таңдын падышасынын кызы болгондуктан, аны элчи коштоп корготуп, Таң ордосуна жеткирүүгө жолго салат. Бирок жолдон уйгурлардын Угей хаканы ханыш кызды карактап тартып алып, элчини өлтүрүп салат.

Хуйчаң жылдардында (840-жылы) Эр киши элчисин өлтүрүп кеткен себептүү Таң ордосу менен болгон кабарлашуудан айрылып калат. Ошого Жоокуу Сол элчисин жиберип, кат жазып абалды түшүндүрөт. (Бул адам ысымындагы) «жоо» (**) тек ат (душман, жоо деген мааниде) «Хы» (* ) «кууш, куу» деген мааниде, «су» (* ) «сол» деген мааниде болуп, чогуу мааниси «жоону кууса куткарбас сол мерген» деген болот экен. Ал (элчи) үч жыл жол жүрүп, зорго Таң ордосуна жетип келет. Ал келгенде (Таң) Вузуң (аты – Ли Йен) аябай кубанып, аны Боохай элчисинин жогору жагына өткөрөт. Себеби алардын жери алыс, кайдагы жаткан чөлдө болсо да, алар өздөрүнүн кызмат милдеттерин таштабай, кайсы убакта болсо да тартуу алып келип жаткандыктарынан эле. Ордо бек Жав

Фанды атайын чен тон менен аларга барып, көөн-жайын билдирип келүүгө жөнөтүү, падышалык буйрук боюнча жайсаң Хоңлусы сарайына барып, элчи менен көрүшүп келүү, котормочу жиберип, алардын жер-суу жагдайын, мамлекетинин, элинин салт-санаасын текшерип келүүгө буюрган. Жайсаң Ли Дыйү мындай деген: «Жынгуан жыл санагы кезинде, алыстагы мамлекеттерден ордого келгендер көп болгон. Ошондо катчылык бөлүмдүн беги Йан Шигү сунуш берип, Жов тарыхынын жолу боюнча чар тараптан ордого келгендердин иши, көрүшүү абалдарын «Падышанын чар тараптан келгендер менен көрүшүү абалы» (кыскартып, «Падыша менен көрүшүү эстелиги») деген китепти жаздырып койгон экен. Мына бүгүн кыргыздар Жуңго менен чукул барды-келди кылып отурат. «Падышанын чар тараптан келгендер менен көрүшүү сүрөттөр жыйнагы» («Падыша менен көрүшүү сүрөттөрү») дегенди тарттырып койсок, мындан кийинки урпактар билип жүрөт эмеспи». Падыша буйрук берип, Хуңлусы сарайында алар менен көрүшкөн абалды, аларды бүт сүрөткө тарттырып коюуну өтүнөт. Дагы (Баш киши) Эрди падыша тектүүлөр чыныгы санжырасына киргизип жазууга буюрат.

Ошол кезде Үгей хакандын калды-каттылары кара арабалууларга барып кошулат. Баш киши Эр күз ат-түлүгүн семиртип алып, аларды бүт чаап алууга камданып, Теңир уулунан (падышадан) колдоочу кошуун суранган. Падыша иш билги Лу Мыңды чалгынчы элчи кылып жиберген. Сулалада (Таң сулаласы) Хышы Лоңдун төрт шаар, 18 аймагы көптөн бери дилдердин үкүсүндө жүргөн эле. Мына эми уйгурлар кыйрап алсырады. Тибет ичинен бузулуп турат. Өз ара салгылашуу болуп жаткан оңут келип турат. Ошого оң кол акылчы Ли Шини кыргызга элчиликке жиберип, кыргыздын баш кишисине «Теги баатыр ак жүрөк кахан» деген атакты бердирип келмек болуп, алар жөнөгөлү турганда Вузуң падыша кайтыш болуп кеткен.

Шуанзуң падыша (аты – Ли Чин) такка отургандан кийин да, алдыңкы падышанын оюн аткарууга камданып турса, кээ бирөөлөр кыргыз деген бир барча урук ал Таң менен тике өтмө катар болуп кете албайт деген сөздөрдү чыгарат. Ошондо жайсаңдар менен төрт даражадан жогорку мансаптарларды чакырып келип, (падыша) бул ишти талкууга салат. Ошондо алар мындай дешет: «Уйгурлар күч алып турган кезде аларга атак бердик, мына эми алар ойрондолуп кетти. Эми дагы кыргызга атак берсек, кийин дагы кандай балакет болуп чыгар экен» дешкен жерге келет да (кыргызга) атак берүү ошол бойдон калып калат. Ошондон Дажуң жыл санагынын 1-жылына келгенде (847- жылы) Хуңлу мекемесинин беги Ли Йе атайын чен тон менен кыргызга жиберилип, анын баш кишисине «Баатыр акылман хакан» деген атак берет. Ошону менен Жантуң жыл санагы мезгилине келгенге чейин (860-жылга чейин) алардан үч жолу ордого келишкен. Кантсе да алар соңунда уйгурларды бүт ала албаган. Кийинки алардан ордого келген же атак бергендик жөнүндөгү иштерди тарыхчы вазир санжырага жазбай калган.

Ли Дэюй

ХУЙЧАН БИЙЛИГИ ТУШУНДАГЫ (841–846-жж.) ЛИ ВЭЙГУН ЭМГЕКТЕРИНИН ЖЫЙНАГЫ

(Ли Вэйгун Хуйчан Ипинь Цзи)

«Ли Вэйгун Хуйчан Ипинь Цзи» («Хуйчан бийлиги тушундагы (841–846-жж. Ли Вэйгун эмгектеринин жыйнагы») Тан сулалеси доорундагы акыркы өкүмдарлардын атактуу министри Ли Дэюй тарабынан жазылган. Енисей кыргыздарынын тарыхы үчүн бул эмгек баа жеткис мааниге ээ. Кыргыздар туурасында бул эмгекте камтылган маалыматтар кийин Тан жана Сун доорунда бардык негизги кытай тарых жазмаларына кирген.

                                                                                2-бап

СЯЦЗЯСЫ (КЫРГЫЗДАРДЫН) ОРДОГО БЕЛЕК

ТАРТУУЛАШЫН СҮРӨТТӨП БАЯНДАШКА

КИРИШҮҮ

Эзелде Юешан (өкүлдөрү) кыргоол тартуулап келишип, ата-бабалардын ыйык жайында курмандык ырасымырымын жасашкан. Силюй (элчилери) кабанаак иттерди тартуулашкан. Булар жөнүндө насыйкат эреже-жоболор до баяндалган. Ошондон улам алардын келээрин билип, башынан эле аларга аяр мамиле кылдык.

Адамгерчиликтүү, акылман, даанышман, эр жүрөк, рух ажытын аңдап билген ашкан айкөл өкүмдар бийлигинин 4-жылында асман акактай жаркырап турат; (байыркы) падышалардын чапкан жолу байсалдуу жана жаркын. Бешенеге бүткөн беш башат өз жайында; алты тизгин колдо. Бучженсюаныпи теңир жалгаган ишин жасап жатат. Улуу рухубузду даңазалап, аскердин сеси менен түндүктөгү көчмөн журттардын үрөйүн учуруудабыз. Ошон үчүн асманыбыз чайыттай ачык; күнүбүз жаркырап жарык. Зыянкеч курттар жок; эгин-тегин жакшы түшүм берүүдө. Өлкөнүн ичинде да, сыртында да тынччылык өкүм сүргөндүктөн, төгөрөктүн төрт бурчунан чет жерликтер ордого келишүүдө.

Ушу тапта алыскы кыйырлардан сяцзясы (кыргыздардын) башчысы Чжу-у Хэсу деген өкүлүн жана башкаларды өкүмдарга кат жолдоп атказган. Эң сонун эки ат тартуу этишти. Уч-кыйырсыз чөл кезип, чын пейилден тартуу атып келишти; кара терге чөмүлүп, кум кечкендери, эмне ниеттери ак экенин айтып турган жокпу? Бу жерге ким деген ушинтип жетип келет?

Өкүмдардын (У-цзундун) бет алдында ажайып куштун сүрөтү тартылган асаба, лун-ю (тукумуна) татыктуу дулдул күлүктөр. Асем арабаны чегишке, андан соң алардын өкүлүнө ички ак сарайга келишке буйрук этилди. (Өкүмдар) элчини чүйгүн тамак-аш жайнатып конок кылды жана ага саймалуу кымкап тартуулады.

(Мен – Ли Дэ-юй,) мурдагы бийик мартабалуу улук төрө Вэйго-гунь Цзя Дань тарабынан даярдалган «Гуцзинь сыи шу» (эмгегине) урмат менен таянам; анда мындай деп айтылган: «Сяцзясы адегенде Цзяньгунь (Кыргыз) мамлекети болгон. Чженьгуань бийлиги өкүм сүргөн 21-жылда (647-ж.) алардын башчысы ордого өзү келген. Ага кол башчылык мансап мөөрү тартууланып, Цзяньгунь (аймагына) башкы төбөл болуп дайындалган. Тяньбао бийлиги тушунда (742–755-жж.) ордого белек тартуу этиш токтогон эмес».

Уйгурлар тарабынан кендири кесилип, Кытай көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан кезде, алардын текебер жоругуна кыжыры кайнаган сяцзясы, каат-жутка кабылышканынан пайдаланып, ошол замат кан ордосун кыйратышкан, кийиз үйлөрүн өрттөшкөн, он миң ли аралыкка дейре күлүн көккө сапыра чабышкан. Үрөн себишке жер калган эмес; ошондо туңгуюк иримден ачык күн чыгып, түнөргөн туман тарап, көк асман көрүнгөн.

Мен – Ли Дэ-юй, маркум (өкүмдар) Тай-цзунду таазим этип эскерем; ал бийик мансап адамдарынан: «Түштүк кыйырларынан жана батыш аймактарынан, алыс жактардан келип жатышат, мунун себеби эмнеде? – деп сураган. Улук төрө Юань Лин мындайча жооп берген: «Бөтөн жерлерден келгендерге Кытайдагы бейпилчилик жана өкүмдардын кайрымдуулугу жөнүндө аңыз кабарлар эчак жеткен». Тайцзун айткан: «Мурда элчилер Кытайда кырдаал кыйчалыш болуп турган кезде келишчү. Кай себептен улам келишти? Муну көргөндө, санаам санга бөлүнөт. Эмне үчүн? Абалкы заманда Цинь Ши-хуан алты хандыкты бириктирген; жун-ди арасында хань Удинин абырою көтөрүлгөн. Азыр жат аймактардын үйүтү башкача: алыс эмес, бирок баш ийишпейт. Цинь Ши-хуан менен Хань Удиге салыштырмалуу, менин уяла турган жөнүм жок деп ойлойм. Мен дагы муну урпактарга калтыргым келет. Эки өкүмдардын баскан жолу кантип аяктаганын эстеп, демек, мен кабатыр болбой коё албайм».

Мен – Ли Дэ-юй, Тайцзун өткөн күндөр жөнүндө түйшөлгөндө, (ал) биздин зор дөөлөтүбүз жүздөгөн кылымдар бою гүлдөп өссө экен деп ойлогон деп, урмат менен эсептейм. Даанышман өкүмдардын акыл-ою ушунчалык улуу! Көк теңир буюрган өкүмдар болгону үчүн ыраматылык Тайцзун атак-даңкын түбөлүккө калтырды. (Сиз), Улуу Мартабалуу (Уцзун), Кытайды кайра гүлдөтүп өстүрө турган өкүмдарсыз; (мурунку) вандардын ишин ошон үчүн мурастап алдыңыз. Ушундай эмеспи? Көк теңир Цзя Данды көрсөттү; анда айтылуу Чень Пиндин таланты жана Чун Гонун өткүр акыл-сезими болгон. Ал жазган эмгек байыркы менен азыркыны чечмелеп түшүндүрөт.

Так мураскорунун карамагында кызмат кылган чжаны пи Вэй Цзун-цинь менен мишушаоцзянь Люй Шуга элчи жайгашкан жайга келип, расмий эмес жай жолугушуу өткөрүшкө, ой-пикирлердин окшоштугун жана айырмасын аныктап билишке, кемчиликтер менен каталыктарды калтырбай баяндашка, чет жерликтер сүйлөгөн тилдин тыбыштарын таасын сыпатташка, тоолор менен өзөн-суулардын орун алуу өзгөчөлүктөрүн сүрөттөп жазышка, алар жазма тил ыргагын так түшүнүш үчүн ыраат туу түрдө ылайыктуу жагдай-шарт түзүшкө буйрук этилди.

Мен Чжен-гуань бийлик өкүмүнүн башталыш тушунда (627–649-жж.) чшуншу шилань Янь Ши-гу өкүмдарга билдирген баяндамага баш уруу менен кайрылам. Анда мындай деп айтылган: «Мурда, чжоу Увандын тушунда Теңир жалгаган дөөлөттө (Поднебесная) бейпилдик өкүм сүргөн. Алыскы мамлекеттерден расмий кездешүүгө келип турушкан. Чжоу тарыхчылары а кезде ал тууралуу маалыматтарды чогултушуп, «Ванхойпянь» эмгегин жаратышкан.

Ушу кезде ордого көптөгөн мамлекеттерден (өкүлдөр) келишүүдө; мань-ичет жерликтер (Кытайга) моюн сунуп турушат. Чындап сүрөттөсө болот. «Ванхойту» даярдашты сурайм. (Өкүмдар) уруксат этишке амир кылды.

Ошентип, мен – Ли Дэ-юй, Вэй Цзун-цинь жазып калтырган ар кыл кабарларга жана ошондой эле Люй Шу тарткан сүрөттөргө таянуу менен, эмгекти таазим этип баяндап баштап, ийгиликтүү аякташка батынып олтурам.

1-бап

СЯЦЗЯСЫ (КЫРГЫЗ) ВАНЫНА КАТ

Өкүмдар сяцзясы (кыргыз) ханына урмат менен кайрылат. Азыр жазгы баар келип калды; Сизде (баары) жакшы болсо керек деп ойлойм. Чжу-у Хэсу (элчи) жана башкалар келишти. (Мен) (Сиздин) катыңызды окудум жана аттарды тартуулаш каадасы менен толук таанышып чыктым.

Сиз күч-кубаты менен Иньшанда атак-даңкы дүңгүрөгөн түндүктүн баатырысыз. (Сиз) бүт туруш-турпатыңыз менен даанышман акыл-ойлорго тунгансыз; жасаган ишиңиз чын дилден, демек, эл (Сизди) колдойт. (Сиздин) атак-даңкыңыз жапайы тайпа-журттарда даңаза болду; ал эми күч- кубатыңыз чет жерлердин чегара кыйырларында ызаат-сыйга арзыды. (Сиз) атайы элчи атказып, алыстан тулпар аттарды тартуу кылдыңыз. (Сиздин) чын ыкыласыңыз ашкан зор жана (Сиздин) ынак ымалаңызды билдирген астейдил аракетиңиз (бизге) жакшы маалым.

(Сиздин) катыңызды окуп атып, ичкен ашымды да унутуп куштар болдум. Сиздин айткандарыңыз ашык-кеми жок айныгыс акыйкат; (менин) жаным сеп алып, уйку жыргалын да унутуп калгансыдым. Чженьгуань бийлиги тушунда (627–649-жж.) силердин мамлекет ордого такай тартуу жиберип, ардактуу мансап наамдарды алып турган. (Атказылган өкүлдөр) баалуу белек менен сыйланып кайтышкан. Бирок (биз) кийин (Сиздерден) көпкө дейре кат-кабар болбой калганына таңданып жүргөнбүз. (Биз) ортобузду уйгурлар бөлүп турганын билген эмеспиз. (Сиздер) жиберген катты окуп, (биз) (Сиздердин) орошон ой- ниетиңиздерди жактырдык. (Сиздер) көп жыл бою күч жыйнадыңыздар; (Уйгурлар үчүн жагдайсыз болгон) учурдан пайдаланып, чыйралып алдыңыздар; баштан кечирген кордуктун ызасын ыкчам чыгарып, (бизге) ыймандай сырыңарды ачтыңыздар. Азыр (эми) уйгур журту багындырылганына байланыштуу, мамлекеттерибиз арасындагы аска-тоолор менен өзөн-суулар мындан ары (бизди) ажыратып бөлө албайт. (Биз) коңшу-колоң болгон соң, демек, тартуу жана кат-кабар алышып турушка үмүттөнөбүз.

Ошондой эле (Сиздер) уйгурларды талкалаган убакта, канбийке Тай-хэни кабыл алып, (аны) (өкүмдардын) ордосуна жеткирип барышка атайын өзгөчө милдеттүү өкүл атказганыңыздарды дагы уктук. (Канбийкени) жарым жолдон уйгурлар колго түшүрүп алганын эшитсек да, арийне, Сиздердин жакшы ниеттен камкор мамиле жасаганыңыздар (бизде) жакын достук сезимдерин жаратат. Арасы алыс тууган-туушкандардын бири-биринен кабар алып турушу, ак пейил коңшулардын ич ара ишеничте болушу не деген акылмандык, аны сөз менен айтып жет кириш кыйын.

Дөөлөтүбүздөн айрылып калдык деген шылтоо менен уйгурлар (бизди) караан тутуп, чегарабызга келишти. Биз (алардын) сиңирген кызматын жана алар менен жергежээк алака-мамиледе экенибизди эстедик. Бирок канча жардам кылсак да, эч качан бир да бир кайырын көргөн жокпуз. (Уйгурлар) бара-бара башынан көздөп жүргөн жамандыгын ачык көрсөтө башташты; канбийкени кайдыгер таштап салышты; карапайым калкка ырайымсыз мамиле жасашты; кагышып чабышканга күн сайын (шылтоо) издешти. Ушу кезде уй, жылкыларды уурдап кетишти. Биз эски достугубузду эске алып, (аларды) жазалашка буйрук этпедик. Мезгил өтүп атат; чегараны кайтаруу бошоңдоп кетти; ар бир (чегара аскер башчысы) узак убакытка эсеп кылат, бирок дале айрыкча ынтаа менен кызмат өтөп жатышат. Сиздер (уйгур ханынын) чатырын өрттөдүңүздөр жана канбийкени кайра кайтардыңыздар; тор жайдыңыздар, бирок башкы күнөөкөрлөр качып кутулуп кетишти. Мен калган уйгур урук-журттарын ойлоп атам; алар турмушунда эмнеге таянышмакчы? Сиз бу тууралуу алыстан эшиттиңиз, менимче, (аларга) биздей эле кабыргаңыз кайышып жатса керек. Бирок да, (биз) качкандар кайра капсалаң салып, силердин чегарага чабуул коюп, кайтадан кек алгысы келбес бекен деп чочулап жатабыз. Сиздер дагы жакшылап даярдык көрүп, айлакер амал ойлоп, кийинки кырсыктарды болтурбаш үчүн биргелешкен күч-аракет менен (уйгурларга) чаб уул коюп, аларды жексен кылып, түп-тамыры менен жулуп салышыңыздар керек.

Аралык алыс экенине карабай, биз мурдагыдай эле бардыгы менен достук жана жакшы коңшулук адамгерчиликтүү саясатыбызды уланта бермекчибиз деген үмүтт өбүз. Дамамат ойлогонубуз эле ушул ой-тилек. (Элчиңиз) Чжу-у Хэсу кайтып жаткандыктан, эң оболу амир-жарлыктарыбызды жана башка каадалуу буйруктапшырмаларыбызды табыштайбыз. Анын соңунан салтанаттуу түрдө тынчтык келишимин жар салышка өкүл жөнөтөбүз. Карым-катышта болуп, кабарлашып турушка үмүт этебиз.

6-бап

ХЭХЭС (КЫРГЫЗ) ХАНЫНА КАТ

Өкүмдар хэхэс (кыргыз) ханына урмат менен кайрылат. Азыр жаз келип калды, (Сизде) баары жайында болсо керек деп ойлойм. Мен бүт ай-ааламга кам көрөм, Сиздер жаныбарларды асырайсыздар. (Биздин) ой-тилегибиз бир, көздөгөнүбүз адилеттик. (Элчиңиз) кол башчы Та-бу Хэцзу жана башкалар келишти. (Мен) катты окуп чыгып, хан Чоң Жетиген топ жылдызы астындагы айылда (б. а., түндүктө) туулуп өсүп, суук талаа-түздө турмуш кечиргенин билдим.

(Сиздин) даанышмандыгыңыз даркан, ой-ниетиңиз орошон, талантыңыз ташыган жана аракетиңиз ажайып жаркын. (Сиздин) күч- кудуретиңиз түндүктөгү өлкөлөрдү титиретип турат; атак-даңкыңыз (кытай борбор калаасынын) Түндүк капкасына жетти. Жанга жагым кеп-сөздөр, эбегейсиз эмгектер менин көңүлүмдү айрыкча эргитет.

Биздин Тайцзун Вэнь-хуаньди асыл адамгерчилиги менен бардык вандардан ашып түшкөн; (анын) даңазалуу таланты эзелде эч теңдешсиз болгон. Ичкериде Кытайды тындырган, чектен сыртта бүткүл чет жерликтерге өкүм жүргүзгөн.

Чжэнь-гуань (630-ж.) урааны астында башкаруунун 4-жылында түндүк-батыш өлкөлөрүнүн өкүмдарлары аксарайга келишкен, (өзүңдү) көк асман даарыган Теңир хан атап даңктайлы, (улуксат эт) деп суранып, баш урушкан. Ушундан соң (Кытай) аларга жарлык жана мөөр тапшырып, түндүк-батыштагы көз каранды өлкөлөрдүн башчылары өкүмдарды көк асман жалгаган Теңир хан атап калышкан. Төгөрөктүн төрт тарабындагы өлкөлөрдө өмүр сүрүшкөн чет жерликтерге өкүм жүргүзүү ырасында мына ушундан башталган.

Чжэньгуань бийлигинин 6-жылында (632-ж.) Тай-цзун Сиздердин мамлекетиңиздердин ханына тынч моюн сунуу сунушу менен Ван И-хун элчини жөнөткөн.

Чжэньгуан бийлигинин 22-жылында (648-ж.) Сиздердин журтбашы ханыңар ордого өзү келген. Тай-цзун ага

 

цзотуньвэй цзянцзюнь ардак аскербашы ченин сый катары тартуулап, Цзянь-гунь (Кыргыз) аймагына төбөл (дуду, генерал-губернатор) кылып дайындаган. Тяньбас бийлигинин соңку жылдарына дейре (742–755-жж.) ордого тартуу жеткирүү токтогон эмес. Демек, хандын ата-бабасы ошондо эле биздин мамлекеттин сый-урматына татыган. (Бу туурасында) Сиздердин мамлекетте (көзү тирүү) карыялар осуят катары урпактарына айтып жүрүшсө керек деп ойлойм. Мен улуу ой-максаттарды мурастап алдым, жана мурунку достукту улантышка ниет кылам.

Аны менен катар, белгилүү болгондой, Тяньбао бийлигинен кийин (Сиздер) уйгурлар тарабынан тосулуп калгансыздар. (Алар) эбактан бери эле (Сиздердин) (биз менен) катташып турушуңарга кедерги болуп келишүүдө. Уйгурлар өздөрүн көкө теңирдин сүйгүнчүгүбүз дешип, калп эле кайрымдуу жана адилет көрүнүмүш болуп, бирок ээ-жаа бербей жаалданышып, (бизге) көз каранды тайпа-журттардын баарына жырткычтарча мамиле жасап жатышат. (Мен) Сиздердин (алар менен) эзелден касташып-басташкан жоо экениңиздерди эшиттим. Эгер өч алышка жарасаңар, алардын мамлекетин жана шаарларын талкалап, өкүмдар болгула; аттуу-баштууларын көз көргүс кум-чөлгө кууп салгыла. (Сиздердин) эбегейсиз эмгегиңиздерге жана баатырдык иш-аракетиңиздерге азыркы учурда эч нерсе тең келбейт.

Кытайда козголоң чыккан кездерде уйгурлар ынтаа көрсөтүп, кызмат кылышкан. Муруңку өкүмдарлар аларды бой сунган элпектиги үчүн макташып, алар менен көп жолу тууган-туушкандык алака-мамиле түзүшкөн. Азыр (уйгурлар) дөөлөтүнөн ажырап, жанын ала качышып, (биздин) түндүк чегараларыбызга келип жайланышты. Биздин колдообузга арзыш үчүн (алар) капкачан эле кайтып келишип, биз менен кабарлашса болмок. Антиш ордуна (алар) кайра жүз үйрүп, ач көздүк менен канаттарын жайып, карышкырларга окшоп, оңтойлуу учурду аңдып турушат. Иныпань тоолорунун ар жагынан чегараны жердешкен майда тайпа-журттарды алдап-соолап азгырып, өздөрүнө тартып жатышат. Биздин бейкапарлыгыбыздан пайдаланып (уйгурлар) кол салышып, каракчылык кылышты; чегарада өз билгенин жасап, тоз-тополоң чыгарышты; төрт жылдан бери көргөн күнүбүз ушул.

Мен сан миң куралдуу аскер топтодум; (аларды) түп тамыры менен жоюп, тукум курут кылгым келет; андыктан эки аймактын цзедуши(лери) Ючжоу менен Тайюань(га) тынччылык камын көрүш үчүн тындым кылышка буйрук эттим. (Мен) алар өздөрү өкүнүп, сөзсүз моюн сунуп келишет деп ойлогом, бирок алар канбийкени таш боордук кылып таштап салышты. Канча бир ирет зыян кылышка аракет жасашты; чегарадагы калааларга капыс тан кол салышты; талап-тоноштон да кайра тартыш пады.

Жакында кыжыры кайнаган тайюань цзедуши(си) Лю Мянь аскерди баштап тымызын аттанып чыгып, алардын эси чыкканынан пайдаланып, жашаган жайларына (чатырларына) кол салды. Көчмөндөр бүт туш-тушту карай качышты; чатырлары өрттөлдү; кыянаттык жасаган кылмышкерлер жарадар болушуп, бирок бошонуп алышып, жашыруун качып кетишти. (Биздин аскер) канбийке Тайхэни кабыл алып, аны ак сарайга жеткирди. Уйгурлардын миң адамдан азыраак аскери калды. (Алар) тоо-ташка жана талаа-түзгө житип жоголушту. Аларды буюрса көп узатпай бүт колго түшүрөбүз. Мен канбийке менен кайрадан жүз көрүшүп, көңүлүм тынып, абдан кубанып турам. Сиз, хан, ырас (аларды) жек көргөн соң, демек, жапайыларды толугу менен курутуу зарыл. Түтөгөн күлдү калтырсаң, артынан сөзсүз бир балээси чыкпай койбойт. Алыстан көңүл кушун көкөлөткөн сүйүнчү кабар уккум келет.

Маалым болгондой, Сиз, хан, түпкү тегиңиз боюнча мени менен бир урук-тукумдансыз. (Хань заманында) Теңир жалгаган дөөлөттө (Поднебесная) Бейпин тайшоу таланты жагынан эч кимди алдына чыгарган эмес; тынчтык келишим түзүп, чегарада кызмат өтөгөн. Тарткан жаасы таш тешкен. Анын көзү өткөн соң, артында калган туяктары аскер өнөрүнө көп машыгышып, кол башчы болушкан. Анын кара чечекей өз небереси дувэй (Ли Лин) беш миң тандамал аскер баштап, кум-чөлгө сүңгүп кирип жортуул жасаган. Шаньюй сокку уруш үчүн мамлекетин көтөргөн. (Ли Лин) кубаттуу күчкө каршы туралган эмес, бирок өзү жеңилсе да, (анын) атак-даңкы жапайы тайпа-журттарга даңаза болгон. Менин мамлекетим Бэйпин тайшоу урпактарынын мурасын кабыл алган; хан дагы дувэйдин тукуму болуп саналат; биздин урук-тукумдарыбыз ошондон улам биригип баш кошкон, демек, карым-катыш даражабыз бийиктен паска карай кандай тартипте калып алганын аңдап билсе болот.

Жакында мен канбийке Тай-хэ Сиздин аскер тарабынан кабыл алынганын уктум. Сиздин мамлекетиңиз бизге туутан болгону үчүн, (Сиз) аны мекенине узатып барышка (өкүл) атказгансыз. Андан Сиздин ашкан адамгерчилигиңиз көрүнүп турат. Сиз жакшы санаалуу коңшулукту кадырлап барктайсыз. Мен кабыргам катуу сөгүлүп, а тургай көзүмдөн жашым төгүлдү, анткени бат эле канбийке уйгурлардын чапкын чабуулуна кабылып калып, көпкө дейре үйгө кайтып келалбады. Хан атказган өкүлдөр бүт кырылды. Ой-санаамды кайгы-муң чалып, бүгүнгө чейин унуталбай кыжаалат болуп атам.

Кечээ күнү Сиздин: «Биз атказып жиберген канбийкенин кабарын такташты сурайбыз, аны кантип болсо да табыш керек»,– деп жазган катыңызды окуп чыктым. Ушу тапта кыжыры кайнап каарданган чегара кол башчылары кыйла ийгиликке жетишти. Кылмышкер уйгурлар кайра кайтаар күнүн эсептешип, өз билгениндей ээнбаштык кылып жатышат. Уйгурларды каратканыңыз үчүн (биз) Сизге, хан, алкыш айтабыз. (Алардын) ар түркүн тайпа-журттарын сөзсүз талкалаш кажет; ошондо сиздер менен биз коңшу мамлекеттерден болуп калабыз. Ар бир тарап муруңку чегараларын сактайт; достугубузду жалгаштырып, элди эс алдырабыз. Эгер иш-аракетибизде биримдик болсо, анда чегарада коогалаң токтойт, демек, жаа-жебелерибизди саадактарга салабыз.

Сөзсүз, бардык тайпа-журттар багынышка тийиш. Биздин мамлекеттерибиз эзелден түбөлүккө эриш-аркак бир туушкан эмеспи: ушуга баарынын ичи күйөт. Сиз, хан, даанышмансыз, демек, дилиңизде өзүңүз билген бир жакшы оюңуз болсо керек деп болжойм. Ошондуктан түпөктүү асаба-желек менен элчилик милдет аткарып, (биздин) (Сизге) деген чын ыкыласыбызды билдиришке тайпуции юйшиченсянь Чжао Фанга буйрук этем. Теңирге кандай ишенсем, (Сизге) да ошондой берилген бойдон калам; мен эки жүздүүлүк кылып, жойпуланган жокмун; чын дилимден эргип айтып жатам!

Тээ илгертен эле мансаптуу кызматка дайындалганы тууралуу бүт күнкорлор (вассалдар) Кытайдан жарлык алышка тийиш болуп, андан соң гана өз күч-кубатын көрсөтүп келишкен. Ушу күндө (Сизге) дайындоо жарлыгын тапшырсамбы дейм; атайын ардактуу атак-даража кошуп бермекчимин. Хан кандай ой-ниетте экенин билбегендигиме байланыштуу, жарлыкты берип жибериш үчүн Чжао Фань кайтып келчү күндү күтүп атам. Тынчтыкты жана достукту жалгаштырыш үчүн атайын ырасым жөрөлгөлөрүн өткөрүшкө элчиге айрыкча буйрук кылам. Сиздин кол башчыңыздын жана таксыр төрөңүздүн ден соолугун сурайм. Жиберилген катта башка амир-жарлыктар болбойт.

6-бап

СЯЦЗЯСЫ (КЫРГЫЗ) ХАНЫНА КАТ

(Элчиңиз) кол башчы Вэнь-у Хэ келгенин өкүмдар кыргыз (сяцзясы) ханына урмат менен билдирет. (Биз) Сиздин катты окуп чыгып, сый тартуу катары алып келинген жүз жылкы жана он түгөй туйгун куштар туурасында кабардар болдук. Хан эң мыкты сапаттарга эгедер; туулганынан эле эрдик жасашка жаралгандай. Эрешен тартып эр жеткен кезинде айбат-күчү менен атак-даңкы чыгып, акыры келип түндүк өлкөлөрүндө тынчтык орнотту; уйгур журттарын жер үстүнөн жексен кылды. Баштан кечирген ыза-кордукка адилдик менен жооп кайтарды; канбийкенин орун-очогун коргоду. Чындыгында да, айтарлык албан иштер.

Учурда (Сиз) ишенген аттуу-баштуу улуктарыңызды атказдыңыз; алар ыраактан эрме чөл кезип, эшилме кум кечип, түндүктөгү бетпак талаалар аркылуу айтылуу аргымак аттарды жана алгыр шумкарларды жеткирип келишти. (Сиздин) туугандык алака-мамилени өөрчүт көнүңүз бейпилчилик мүдөөсүн чынга чыгарышка өбөлгө түзөт. Жылуу кеп-сөзүңүз жана сиңирген эбегейсиз эмгегиңиз менин астейдил ой- сезимдеримди козгоп, эт-жүрөгүмдү элжиретет.

Мен эбегейсиз зор аймакты өз энчиме алдым, көптөгөн мамлекеттерди моюн сундурдум, бирок мен (ал жактарда) дөөлөт сөөлөтүн кантип сактап туралам. (Сиздердин) келишиңиздер Чен Тандын даанышмандыгына татыктуу; менин жакшы жосундарым анча дурус эмеспи деп чындап чочулайм; мен өзүмдү хань заманы тушундагы Сюаньди(нин) улуу залкарлыгы менен салыштырып баккандан уялам.

Сиздердин мамлекеттин аймагы туш-тараптан (бизден) обочо бөлүнүп турат; жыл башында өтүүчү каадалуу шаан-шөкөттөргө (Сиздер) катышпайсыздар; ошон үчүн (биз) бийлик жүргүзө албайбыз, жагдай ушундай. Өтө өкү нүчтүү, анткени (Сиз), хан, бизге шериктеш өлкөсүз, жана (биз) (Сиздин) даңкыңызды сактап, Сиздин көптөн көксөгөн ой-ниеттериңизди жүзөгө ашыргыбыз келет. Кийин-соң апатка чалдыкпаш үчүн азыртан баштап балакет-кырсык тууралуу астейдил кабарлап тургула.

Илгери Хуханье шаньюй, Чжи-чжи тирүү чакта, мамлекетте али тартип өкүм сүрбөгөнүнө байланыштуу, көз каранды болушка көнүп, Хань (сулалесине) кызмат кылган. Шарапаты (анын) укум-тукумуна тийген. Соңку Хань (сулалеси) тушунда шаньюй Би чоң атасы сыңары (Би Хуханье(нин) небереси болгон – биздин эскертүү) Хань бийлигин караан тутуш аркылуу коопсуз турмушту камсыз кылып, (анын Хуханье(нин) атак-даражасын (б.а., шаньюй титулун – биздин эскертүү) мурастап алган.

(Сиздер) өкүмдарга кат жолдоп Түндүк Кытайга келдиңиздер. (Сиздер) дайыма чөлдүн түштүк жагындагы жерлерди коргоп калышка ынтызар болгонсуздар; мына, эми (Кытайдын) түндүк чегарасында акыры бейпилдик орноп, согуш аракеттери биротоло тыйылды.

Жакында уйгурлар биздин колдообузга сүйөнүп, түндүктөгү күнкор калайык-калктар арасында катаал бийлигин орнотту; бүт тайпа-журттар аларга моюн сунуп беришти; эч кимиси баш ийбешке батынган жок. Жүз жылдан ашуун убакыт бүткүл аймакта тынччылык өкүм сүрүп турду. Бул ханга жакшы маалым болгон айдан ачык иш. Азыркы учурда уйгур урук-журттары али толук курутулган жок; туфандар менен кытайлардын ортосунда жашап турушат. Алардын күчүнөн атүгүл хэйчецзы (лар) да эзелден сестенишет. Биз (аларга) капкачантан эле ишенбей калганбыз; алар кайрадан баш көтөрбөс бекен деп чочулайм. (Алардын) тутканы башынан эки жүздүү жойпу саясат.

Менин Сиз менен, хан, жакын жана кең пейил алакамамиледе экенимди күңкор майда калайык- журттардын эсине салып коюш абзел. Чындап тынчтык жана достук өкүм сүрүп, Сиздердин Кытайга баш ийүү тууралуу келишим такталып тастыкталыш үчүн, Сиздер уйгурлардан кол үзүшкө тийишсиздер. Ошондо барып, арамза жана ыпылас ой-ниеттер үчүн эч кандай негиз болбойт. Ошон үчүн (мен) (Сизге) ардактуу атак-мансап күбөлүгүн сый катары тартуулап, мүлдө (коңшу) өлкөлөргө шардана кылсамбы дейм. Анын үстүнө, уйгурлардын эски Дэнли-хан мансап даражасы былтыр (аларга) биздин дөөлөт тарабынан тартууланган; бул атак-даража уйгурлардын өзүнүкү эмес. Азыр уйгур мамлекети талкаланды, демек, аларды (бул атак-даражадан) ажыратыш абзел.

Муруңку Чжень-гуань бийлиги тушунда (627–649-жж.) хандын бабасы ордого өзү келгени мага маалым. (Өкүмдар) Тайцзун ага цзовэй цзянцзюнь (аскер ченин) тартуулап, Цзяньгунь (Кыргыз) аймагына баш төбөл кылып дайындаган. Мен Тайцзундун нускалуу жөрөлгөсүн уланткым келет. Сиз дагы бабаңыздын нарктуу жол-жосунун тутуп жатасыз. Цзяньгунь(ду) мамлекет деп эсептеген оң; (Сизге) ардактуу атак-мансап күбөлүгүн тартуулайм; чын дилден чыккан мээр-шапкатымы билгизип, кошумча эң сонун ылакап ысым ыйгарам. Айталы, цзянь – өчпөс (даңк), гунь – мураскорлуу болуу дегенди туюндурат, демек, түпкү тамырды эстен чыгарбаш керектигин эскертет, бул эмне эң сонун эмеспи?

Мен кечээ күнү либушаншу Чжен Су жана башкаларга Сиздин элчи менен чогуу өзү баш болуп улуу ой-максаттарыбызды баяндап жазышка буйрук эттим. (Элчиңиз) колбашчы Вэн-у Хэ жана башкалар менин ниетими түшү нүшүп, шериктеш болушка тилектерин билдиришти. Чын дилден ишенишип, аны адеп башынан чыңдаш үчүн сөзсүз эле алтындан кылыч жасап, мөлтүр чөйчөктөн шарап ичиш керек бекен?

Жакында уйгурлар Түндүк Кытайга биринчи жолу келишип, чөлдүн түндүк тарабын көздөй жортуулдап, акырындап башта ээлеп турушкан жерлерине кайтып барыш үчүн, биздин дөөлөттөн 100 миң тандамал аскер сурашты. Ошондой эле чарчап-чаалыккандарын өргүтүп, эс алдырыш үчүн Кытай чегарасынан бир капкалуу калаа беришти өтүнүштү. (Алардын) тилеги кайра тирилип тикелениш Сизден улам, хан, мен буга макул болгон жокмун.

Учурда уйгурлар биздин дөөлөткө чыккынчылык кылышты, а силерге болсо, башынан кас жоо. (Аларды) түп-тамыры менен жулуп салыш керек, ошондо гана тынчтык орнойт. Анын үстүнө, көк теңир аларга алаамат апат жиберди; чабуул коюп, чаап алыш оңой. Илгеркилер айтышкан: «Көк теңирдин буйруп бергенин албасаң, кесири айланып келип өзүңө тиет»,– деп. Сиз, хан, ушул оңтойлуу учурдан пайдаланып, жапайыларды тез арада курутушуңуз керек. Уйгурлар тыптыйпыл талкаланмайын, Сиз, хан, ичкен-жегениңизди аш кылалбайсыз, ууга чыгып, аңчылыктан ырахат алалбайсыз. Жортуулга аттанган соң, буйдалыш жарабайт. Өкүнүчтүү жери, арабызды ар уруу тайпа-журттар ажыратып бөлүп турат; андыктан (биздин) мамлекеттерибиздин биргелешкен күч менен чогуу-чаран аракет кылышы кыйын. Эгер (уйгурлар) Кытайга жакындап келишсе, сөзсүз талкаланат. Багындык деп баш ийип беришкен калган-каткандарын Сиз, хан, толук кырып жоюш ордуна, кылмышкерлерди, качкын мансап адамдарын кабыл алып, андан улам биз нааразы болуп, чегарада чыр-чатак чыкпас бекен деп, кооп санап турам. Бу деген уу жыланды асырап, жамандыкты өзүң жараткандыкка жатат.

Өткөн жылы уйгур улугу жана башкалар кытай элчисине айткандай, Ли Цзин Сели (ханды) туткундап алгандан кийин өлкөдө бар болгону 20–30 эле киши калган; бирок канткен менен (ошолор да) тирденип, баш көтөрүп кетишкен.

(Уйгурлар азыр) коркунучтуу жагдайга туш болуп, үрөйлөрү учуп, дүрбөп атышкан чагы. Сиз, хан, бул сөздөргө терең маани берип, жакшылап түшүнүңүз, айтсаайтпаса эмне, кабатыр болбойсузбу? Ошондой эле хэлочуань(дык) уйгурлардын ордосу толук ойрондолбоптур деп угуп жатабыз. (Алар) өз тууган жерин эстеп, анан, албетте, кайтып барсак деген ой-тилекте турушат. Ал чөлкөмдөгү (тайпа-журттарды) тезинен талкалап, тыптыйпыл кырып жоюш кажет; ошондо жеңишке жетишип, алардын үмүтүн таш каптырабыз. Сиз, хан, (аларды) көптөн-көп жек көрөсүз; өзүңүз болсо замандын баатырысыз. (Сиздердин) жашап турган журтуңар жана кийген кийим-кечеңер тууралуу айтсак, анын баарын бүт өзгөртүш ылазым. Көнгөн нерсеңерди кыялбай, эскиге эрмеше берсеңер, анда кантип түндүк тарапты калтыратып, бүт тайпа-журттарды каратасыңар?

Мен Кытайды сурап турам, адам баласы туулса сүйүнүп сүйсүнөм; эл ичи тынч эмес, демек, ага бирдеме жетишпейт деп, ар качан түйшүктөнүп, сарсанаа болом. Анан мен кантип эле бийлигимди дагы кеңейтейин, көз жеткис чалкыган аймактарды алыстан көзөмөлдөп тескейин деп калайын? Маалым болгондой, биз силер менен жакын алака-мамиледебиз; кайгы-кубанычты тең бөлүшөбүз; кыбыр эткенди кабар кылышка дайым даярбыз.

Сиз, хан, бул ой-сунуштарды чоролоруңуз жана төрөлө рүңүз менен чогуу жакшылап аңдап көрүп, анан ак дилден жардам берерсиз деп үмүттөнөм. Ушу кезде келген элчиге мен, албетте, ишенем. Жооп катты тез жөнөтүш кажет. Андыктан ардактуу атак-наам ыйгаруу жөнүндө буйрук жеткизиш үчүн аттуу-баштуу мансап адамын атказыш абзел.

Жайдын күнү ысык, Сиз, хан, беймарал эс алып атсаңыз керек. Кол башчыларыңыздын, улук төрөлөрүңүздүн жана төмөнкү (даражалуу) нөкөрлөрүңүздүн ден соолугун сурайм. Жиберилген катта башка амир-жарлыктар болбойт.

6-бап

СЯЦЗЯСЫЛАРГА (КЫРГЫЗДАРГА) КАТ

(Элчиңиз) кол башчы Дидэисы Наньчжоу келгенин өкүмдар кыргыз (сяцзясы) ханына урмат менен билдирет. (Биз) Сиздин катты окуп чыгып, сый тартуу катары алып келинген эки ак боз ат жөнүндө кабардар болдук.

Сиз, хан, Түндүктөн жарк эткен Чоң Жетиген сыяктуусуз. (Сиз) эрме чөлдүн түндүгүндө эрдик кылып, өкүмдар болдуңуз. (Сиздин) талантыңыз түпөктүн учундай жаркырайт. (Сиз) чегараларды ажыратып бөлүп, мамлекет курдуңуз; баатырдык уркуңузду укмуштай көрсөт түңүз; башкаруу талантыңыз аркылуу эбактан таанымалсыз. Ардактап сүйүп, (Сизди) ойлойбуз; (Сиздин) ой-максаттарыңызга кубанабыз, сабылып сагынабыз.

Жиберилген катта: «(Элчибиз) кол башчы Вэнь-у Хэ ата-журтка кайткан соң, Кытай элчиси келген жок»,– деп айтылат. Вэнь-у Хэ кайтып кетээр күнү мен мындай деп жазгамын: «Тезинен жооп кат жөнөтүлсүн. Андыктан ардактуу атак-наам ыйгаруу жөнүндө буйрук жеткизиш үчүн аттуу-баштуу мансап адамын атказыш абзел». Бул чечим тууралуу а кезде Сиз али билелек элеңиз. (Биздин) жооп кечикти, себеби (мен) элчи атказмакчы болгомун, бирок (Сизден) кат келеби деген үмүт менен өзүм кийинкиге калтырып койгомун.

(Сиздин катыңызда) дагы мындай деп айтылыптыр: «Жолдун татаалдыгы да жолтоо, анткени алыскы аскар тоолор жана өзөн-суулар аркылуу өтөт». Биздин силердин аймак менен түздөн-түз чектешпегенибиз эки мамлекетибиздин жакшы санаалаш алака-мамилесине жолтоо болбойт. Сиз, хан, (муну туура) түшүнөсүз жана мындан ары күдүктөнбөйсүз деп ойлойм. Ошондой эле (Сиздин катта): «Эки тараптан кат жибердик, арийне, эки тарап тең жолугушкан жок»,– деп айтылган. Кат аркылуу (баарын) калтырбай айтыш кыйын, а кеп-сөз болсо, ой-пикирди толугу менен туюндуруп бералбайт. Анын үстүнө чет тилде жана кытайча жазылган каттын котормосу (толук) шайкеш болбойт. (Биз) ортобузда өкүм сүргөн чын ыкыласыбызга гана таянабыз, демек, дайыма ынтымак-ырашкерлигибизди жана достугубузду сактайбыз. Жакшы мамиледе болуш үчүн эмне, сөзсүз эле жасап-түзөп сүйлөш керекпи? Ар бир тарап муруңку достук карым-катыш жөнүндө ойлогусу келет деп үмүттөнөм. (Мен) эч күдүктөнбөйм, а тескерисинче, чын дилден ишенем. Андан тышкары, Сиз мындай депсиз: «(Биз) коркунучту (сөзмө-сөз: эки түркүк ортосундагы жамандыкты) жойгубуз келет». Бул чындыгында да эң сонун айтылган сөздөр.

Уйгурлар учурунда түндүктө жоокерчилик кылышып, өкүм жүргүзүшкөнү белгилүү. Бүт чет жерликтер (аларга) жүз жыл ашуун баш ийип турушкан. Ушу тапта Сиз, хан, алардын конуш журттарын тыйпыл кылдыңыз; тарткан ыза-кордук үчүн өч алдыңыз. (Сиздин) сиңирген эмгегиңиз муруңкулардан ашып түштү; баатырдык атак-даңкыңыз түндүк өлкөлөрүн дүңгүрөттү. Албетте, эми мындан аркы ой-максаттын артынан сая түшүш керек. Күлдү түтөтүп кантип калтырсын? Жакшылыктан жана күч-кубаттан үмүт үзүшкөнүнө карабай, хэйчецзы(лар) кастыгын койбой атышат. Моюн сунбай атышса, демек, бул алардын Сизди тоготпогону. Эгер ушуга да мейличи деп чыдаса, анда деги чыдабай турган эмне бар?

Андан сырткары, Сиздин мурда жиберген (катыңызда): «Биз атказып жиберген канбийкенин кабарын такташты сурайбыз; аны кантип болсо да табыш керек»,– деп айтылган. Азыр (Сиз) ал ишти, эгер бир жаңсыл кылбай, ара жолго таштап салсаңыз, анда мени кантип (өзүңүзгө) ийитип ишендире аласыз? Мен ойлойм, Сиз, хан, оболу алардын кыйын кырдаалда калган оор акыбалынан пайдаланып, тандамал атчан аскер атказып, уйгурларды качып кетишкени үчүн катыгын бересиз; хэйчецзы(ларды) дароо моюн сунушпаганы үчүн жазалайсыз. Ага жоголгон жокту таап алгандай эле (жеңил-желпи) жетишсе болот. (Ошондо) уруш-согуш кайра чыкпайт. Ошол учурдан баштап баары тынчыйт. Бул эмне, эң сонун эмеспи?

Жиберилген катта дагы мындай деп айтылган: «Биз канбийкени силерге узаткандан бери бир да кабар келген жок». Маалым болгондой, канбийке Сиздерден кеткенден беш күндөн кийин (аны) жолдон уйгурлар кармап калышкан. Коштоп баратышкан өкүлдөр бүт өлтүрүлгөн. Канбийке эки жыл бою чөл кезип жүргөн. Ал эми өткөн иш, андыктан кайра козгобой эле коёлу. Чжао Фань жөнөй турган күнү (биз) маңдайыбыз жарыла кубанып, кам-чомуна жакшылап көңүл бурдук. Ошондой эле быйыл күздө (Сиз) уйгурлардын ордосуна көчүп, алардын улуу дөөлөтүн ойрондогону жатканыңызды уктук. (Сиз) өзүңүздүн эски ордо-журтуңузду ооштурбаган күндө да, бүт чет жерликтер (Сиздин) күч-кудуретиңизден ансыз деле коркуп турушат.

Уйгурлар үмүтүн үзүлтүп, кытай чегарасына бир аз жакындап келишти. Эң сонун бир ой-сунуш жөнүндө азыраак айта кетейин: аттуу кайгуулчу кошун жөнөтүштү жана белгилүү убакта болжошкон жерде чогулушту сурайм. Хэйчецзы (уруусу) кытай чегарасынан 1000 лиден алыс аралыкта чөл ортосунда турары маалым. Буга чейин кытай аскерлери аларга жетишке аракет кылган эмес. Ошондой эле уйгурлар тымызын Аньсиге качышка кам урууда деген каңшаар да угулууда.

Быйылкы күзгө карата төрт (чегара) аймагына: Ючжоуга, Тайюаньга, Чжэньуга, Тяньдэге орчундуу жолдорго аскер жөнөтүштү буюрам. Сиз чабуул койгондо, хан, уйгурлар сөзсүз дыркырап качат деп ойлойм. Баарын жолдон кармап, кырып салыш керек. Азыр уруш-чабыш убагы, демек, келишим шарттарын аткарыш кажет. Сиз, хан, албетте, айныксыз ишенесиз жана чын жүрөктөн кошуласыз деп ойлойм.

(Элчиңиз) Дидэисы Наньчжу менин үч жолку кабыл алуумда болду; мен аны сый тамак каадасына катыштырып сыйладым. Жиберилген катка таянып, аны кармабайм. Мен соңунан ардактуу атак-наам ыйгаруу жөнүндө буйрук тапшырышка аттуу-баштуу мансап адамын жөнөтөм. Андыктан ардактуу атак-наам ыйгаруу жөрөлг өсү тууралуу башка мамлекеттерди жакшы кабардар кылыш үчүн ал жарлык жөнүндө алдын ала билдирем. Башта уйгурларда кандай болсо, бардыгы ошондой жасалат.

Сиз, хан, жаңы эле мамлекет түптөдүңүз; бардык көз каранды (журттарды) башкарып жатасыз. (Биздин) коңшу аймактардын достук алакасы терең экенин жана туугандык ынтымак жосундары ызатталарын көрсөтүш ылазым. Эгер ушул негизде баш ийдирип баштаса, моюн сунбашка, кана, ким даайт экен? (Сиз, хан) (ушуга) жакшылап түшүнүп, мындан аркы ой-максаттарыңызды (биз менен) бирге жүзөгө ашырышка тийишсиз.

Азыр көктөм жылуу; Сиз беймарал эс алып атсаңыз керек. Ошондой эле кол башчыларыңыздын, улук төрөлө рүңүздүн жана төмөнкү (даражалуу) нөкөрлөрүңүздүн ден соолугун сурайм. Жиберилген катта башка амир-жарлыктар болбойт.

15-бап

ТИЛМЕЧТЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Төмөндө айтарыбыз маалым болгондой, Шифоцинь жана башкалар түпкү теги боюнча уйгур болушат, демек, өз өлкөсүнө жан тартышат. Сяцзясы (кыргыздардын) атайын элчиси борборго келгенден бери, уйгурлар үчүн жагымсыз сөздөрдү (алар) которбой коюшпасын, жана ошондой эле (аларды) борбордо (турушкан) уйгурларга тымызын билдирип жүрүшпөсүн деп камтама болуп жатам.

Чет тилдерди билген ар бир уйгур эмес адамды издеп таап, борборго алып келишке Лю Мянь менен Чжун Шунга тапшырма бермекчимин. Алдашка жол койбош үчүн, бирине бирин текшертип туралы деген ойдобуз.

Сөзсүз текшерилип териштирилсин. 843-жыл, 1-ай, 10-күн (12-февраль).

18-бап

СЯЦЗЯСЫ (КЫРГЫЗДАРДЫН) ОРДОГО БЕЛЕК

ТАРТУУЛАШЫН СҮРӨТТӨӨ ЖАНА БАЯНДАП ЖАЗУУ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ

Мен, (Ли Дэ-юй), 21-күнү Яньин(де) Люй Шу жана башкаларга сяцзясы (кыргыздардан) (алар) ээлик кылышкан эл-журттар жана (алардын) салт-санаасы жөнүндө сураштырып билип, сыпаттап жазышка таасын буйрук- тапшырма болгонун өз оозум менен билдирдим. Азыр аны оңдоп-түзөп, бир кыйла даражада кылдат даярдоо иштери бүтүп калды.

Мен бир окуяны урмат менен эскерем: Чженьгуань бийлигинин (627–649-жж.) башталышында ордого төгөрөктүн төрт (тарабынан) чет жерликтер келгенине байланыштуу (өкүмдар) Тайцзун Янь Ли-бэнь(ге) ар биринин кебете-кешпирин, кийим-кечесин жана белек тартуулашын сүрөткө түшүрүшкө буйрук-тапшырма берген. Мен сүрөтчүгө (кыргыз элчиси) Чжу-у Хэсу жана башкалардын сүрөтүн тартып, жазма баяндын жанына жайгаштырышка буйрук эттим. Ошону менен бирге, мен үстүрт (маалыматтарга) канааттанбай, баянга (кошумча катары) кириш сөз жаздым.

Алыскы өлкөдөн келгендерге кең пейил, бардык вандардан улук даанышмандын жакшылык жалгашына үмүт этем. Адилдик көксөгөн алыскы өлкөнүн арманы (ал) улуу өкүмдардын капарына кирбеген эзелки кадимден мурас калган.

Калтаарып таазим этип ийилип, баш уруп (катты) чаптап, Өзүңүзгө жөнөтөм.

6-бап

СЯЦЗЯСЫ (КЫРГЫЗДАРГА) ЖАЗЫЛГАН КАТ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ

Төмөндө айтарыбыз: ушул айдын 13-күнүндө ак сарайда (мен, Ли Дэ-юй), өзүм өкүмдардан тапшырма алдым. Келгендерге кат даярдашка буйрук болду. Мен Дай Чжен Су жана башкалардан алар менен аңгемелешип, (айткандарын) баяндап жазышты сурайм. Ушу күндө (кат) жазылып бүттү. Сиздин Улуу урматыңызга таазим этип сунуштайм.

6-бап

СЯЦЗЯСЫ (КЫРГЫЗ) ХАНЫНА ЖАЗЫЛГАН КАТ

ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ

Төмөндө айтаарыбыз: алынган буйрукка ылайык, мен катка цзяньгунь (кыргыздар) тууралуу маалыматтарды кошумчаладым. Сяцзясы (кыргыздар) цзяньгунь тукумдары болорун биз так билбегендиктен, кыязы, (алар жөнүндө) жалпы жонунан сыйкатып айтканыбыз оң; ансыз катты түшүндүрүш кыйынга турат. Учурда (Сиздин) буйруктун негизинде (мен) алымча-кошумча кылдым. Алардын арасында мааниси анча ачык эмес сөздөр бар, андыктан дагы кошумчаладым. Менин илим-билимим жарытпайт, а жазуу өнөрүм начар.

Өкүмдардын сүрдүү тагы астында дагы бир жолу маалымат билдирип, калтаарып таазим этип, башымды ием.

6-бап

СЯЦЗЯСЫ (КЫРГЫЗДАРГА) ЖАЗЫЛГАН КАТ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ

Төмөндө айтарыбыз: алынган буйрукка ылайык, мен келгендерге (кат) даярдадым. Мен алардын катында билдирилген достук маанайдагы ой-сезимдерди бүт эске алып, баарына жооп бердим. (Катта) эч кандай кынтык жок жана ошол эле учурда, ал адабий жазма шекилине да жатпайт.

Ардактуу атак-наам ыйгаруу жөнүндө буйрук (тапшырган) кезде алар болгон иштер тууралуу маалымат беришин табыштоо керек. Ардактуу атак-наам ыйгаруу жөнүндө жарлык тапшыруу жөрөлгөсү мурда уйгурларда кандай болсо, дал ошондой шааниде өткөрүлөрүн айтуу кажет. Эгер керек болсо, кайра-кайра өтүнүп, кайта дагы чакырабыз. Ордо качан элчиге буйрук бергенде, өзүнчө жарлык жана кат тапшырабыз. Акырындык менен бир пикирге келебиз.

Урмат менен (катты) Сизге жөнөтөм, сөзсүз карап көрүш кажет.

8-бап

Ошондой эле (кыргыз элчиси) Табу-хэцзу сяцзясы (кыргыздар) Хэло өзөнүнүн боюна көчүп өтүшүп, уйгур мамлекетинин эски аймагында жашап турушканын, анын үстүнө, беш уруу журтту – Аньсини (Куча), Бэйтинди (Бешбалык), татарларды жана башкаларды каратып алышканын айтты.

Азыркы учурда сяцзясы уйгур каганын жек көрүшөт. Канбийкени издөө менен бирге, сөзсүз түрдө, чоң согуш жортуулуна кам урушат. Ар уруу тайпа жапайылардын башын кошуп, түштүктү көздөй, чегара чыңдоолоруна чейин терең жортуул жасашат. Ушу кезде кагандын журту жут каатчылыгын тартууда; аскеринин саны аз. Кокус күчтүү жоо кол салса, аны кантип майтарышат? Кыйын кырдаалда Улуу Тандын кудурети гана кол кабыш кы лалат.

Эскертүүлөр:

  • Юешан – Аннамдын түштүк бөлүгүндөгү байыркы хандыктын аты.
  • Силюй – Батыш Жундар.
  • У цай – Кытай космогониясынын элементтери: металл, жыгач, суу, от, жер.
  • Лю би – эзелде арабага төрт ат чегишкен. Ар бир атта экиден тизгин болгон. Ортодогу эки аттын тизгиндери колдонулган эмес; алар арабанын алды жагындагы туура жыгачка байланган. Ошондон улам сегиз эмес, алты тизгин деп айтылган. Ли Дэ-юйда бул туюнтма элестүү салыштыруу сыпатында колдонулган.
  • Бучженсюаньши – Тан сулалеси тушундагы бийлик мекемеси.
  • 843-ж., 2-ай. Кар. «Цзю тан шу» («Тан сулалесинин эски тарыхы»). Көрс. бас., бэньцзи 18а, 14085- 6. Дагы кар.: Сыма Гуан.

Көрс. эмгек, т. 9, 7973- 6.

  • Гоби чөлү.
  • Өкүмдардын ажайып куштун сүрөтү түшүрүлгөн асабасы.
  • Эмгектин толук аталышы: «Гуцзинь цзюнь го сянь дао сы и шу». (Байыркы жана азыркы (мезгилдеги) төгөрөктүн төрт тарабындагы жапайылардын мамлекеттер, аймактар, дубандар, чөлкөмдөр баяны».
  • Цзя Дань (730–805-жж.) – тан заманындагы белгилүү кытай географы. Анын өмүр баянын кар.: «Синь тан шу («Тан сулалесинин жаңы тарыхы»), көрс. бас., бап 166, лечжуань 91, 16669-16670 6.
  • Уйгур ханынын ордосу эске алынууда.
  • Алты хандык: Чу, Ци, Янь, Хань, Вэй, Чжао.
  • Жун – Батыштагы кытай эмес, түрк уруулары. Ди – түндүктөгү кытай эмес тайпа-журттар.
  • Чжоу-гун Лои борбор шаарын курган кезде чар тараптан хандар чогулуп, тартуу алып келишкен. Ал окуяны түбөлүккө сактап калтырыш үчүн Чжоу-гун «Ванхойпянь» эмгегин даярдашка буйрук эткен.
  • Мань – Кытайдын түштүгүн жердеген уруу. И – чыгыштагы кытай эмес эл-журттар.
  • Чженьгуань мезгилиндеги (627–649-жж.) Тан сулалеси тушунда көптөгөн чет жерликтер келгенине байланыштуу Янь Ши- гу «Вануойту» эмгегин жазган. Бул эмгек тан тарыхынын «ивэньчжи» бөлүгүнө киргизилген. Кар.: «Синь Тан шу» («Тан сулалесинин жаңы тарыхы»), көрс. бас., бап 58, чжи 48, 15799-б. Тан тарыхы жазылган Сун сулалеси тушунда бул эмгек жок болгон.
  • Иньшань-Хуанхэ дайрасы чукул имерилип аккан жердин түндүк жагындагы тоолор.
  • Цяньюань бийлиги (758–759-жж.) тушунда кыргыздар уйгурлар тарабынан талкаланып, алардын Кытайга каттай турган жолу тосулуп калган.
  • Тайхэ гунчжу-канбийке Динъань-Тайхэ ысмын алып, 821-жылы уйгур Цзундэ ханга күйөөгө берилген. 839-жылга карата уйгур дөөлөтүндө бир нече хан алмашып, канбийке адат-салт боюнча ар бир мураскор ханга аял болуп калган. 839-жылы кыргыздар уйгурлардын кыйын күндө калганынан пайдаланып, алардын ордосуна чабуул койгондо, уйгурлар канбийкени хандын чатырына таштай качышкан. Кыргыздар канбийкени өз колдоруна алышып, аны Дулюй Шихэ баштаган он адамдын коштоосунда Кытайга узатышкан. Жолдон алар калган-каткан аскерди чогултуп, Цоцзышань тоосуна бекинип алган уйгур Уцзе хан тарабынан колго түшүрүлгөн. Өкүлдөр өлтүрүлүп, а канбийке болсо, уйгурлардын туругунда калган. Андан соң Уцзе чөл кезип өтүп, чегарадагы Тяньдэцзюнь кытай чебинин жанына өргүп жайланышкан. Канбийке өкүмдарга өкүл жиберип, хан такка отурганын жана ардактуу атак-наам ыйгарышты, башкача айтканда, аны таанышты сурап жатканын кабарлаган (841-ж.). Кытай өкүмдары өз аймагын кол салыштан коргоо максатында оңтойлуу учурду күтүп, уйгурларга өз өкүлдөрүн жана азык-түлүк жөнөткөн. Бирок Уцзе хан көп өтпөй Юньчжоуга басып кирип, чегарадагы Чженьу чебине чабуул коюшка кам урган. 843-жылы кытай аскери уйгурларды Шахушань тоосунда талкалап, канбийке Тайхэни кабыл алган. Кар.: Сыма Гуан. Көрс. эмгек, т.9, 7957, 7968- бб.; «Синь Тан шу» («Тан сулалесинин жаңы тарыхы»), көрс. бас., бап 83, лечжуань 8, 16279-б.
  • Элчи Дулюй Шихэнин ысмы. Кар.: Сыма Гуан. Көрс. эмгек,

т. 9, 7968-б.

  • 843-жылдын 3-айында Чжао Фань кыргыздарга атказылган. Кар.: Сыма Гуан. Көрс. эмгек, т. 9, 7975-б.
  • Та-бу Хэцзу цзян-цзюнь аскер ченине ее болгон, 842- жылы кабар билдириш үчүн чегарадагы Тяньдэцзюнь кытай чебине келген.

Кар.: Сыма Гуан. Көрс. эмгек, т. 9, 7968-б.

  • 843- жыл жөнүндө сөз болууда.
  • Кытай булактары кыргыздар гундардын колуна түшүп калып, алардан Цзяньгунь өлкөсүн башкарууга алган хань кол башчысы Ли Линдин тукумдары деп маалымдайт.
  • Бэйпин тайшоу – Ли Гуан, Хань Вэнь-ди тушунда Ли Гуан гундарга каршы кармаштарда жеңиштерге жетишкен. У-ди ага Бэйпин-тайшоу ченин ыйгарган. Гундар аны «шамдагай кол башчы» деп аташкан.
  • Дувэй, тагыраагы цидувэй. У-ди ушул ченди ыйгарган Ли Гуандын небереси хань кол башчысы Ли Лин жөнүндө сөз жүрүп жатат.
  • Шаньюй-гундардын жол башчылары ушундайча аталышкан.
  • Б. а., Ли Линди.
  • 841-жыл жөнүндө сөз болууда.
  • Хуханье – гундардын шаньюйу. Өзүн Кытайдын букарасымын деп таанып, ордого келген. Соңку Хань сулалеси бийлигинин акырында гундар бир катар калабалуу чыр- чатактарды чыгарышкан.

Беш шаньюй так талашып, Хуханье өз дөөлөтүнөн айрылган.

  • Чжичжи – гундардын шаньюйу.
  • Би – гундардын шаньюйу.
  • Туфань-Тибетти жердеген эл-журттун аты.
  • Хэйчецзы – айрым шивэй уруусу, ту-цюе(нин) түндүк жагында жашап турушкан.
  • Ли Цзин – тан кол башчысы, ту-цюе(ни) талкалаган.
  • 630-ж. Сели-туцюе ханы (Хели – каган, Шиби – кагандын иниси, 620–630-жылдары бийлик жүргүзгөн).
  • Хэлочуань – Ганьчжоу менен Сучжоуга жанаша жайгашкан чөлкөм.
  • Конфуцийден алынган туюнтма, жаман жышаанды билдирет.39 843-жылдын 3-айы. Кар.: Сыма Гуан. Көрс. эмгек, т. 9, 7975-б.
  • Уйгурлардын ордосу мурда Селенге өзөнүнүн боюнда болгон, кийин алар аны Орхон дайрасынын баш жагына Хангай аймагына көчүрүшкөн.
  • Кыргыз ханынын ордосу Енисей дайрасынын батыш жагында Циншань тоолорунда болгон.
  • Чжу-у Хэсу элчилиги жөнүндө сөз болуп жатат, 2-ай, 843- жыл.
  • Яньин – ак сарай.
  • Янь Ли-бэнь – өкүмдар Тайцзундун ордо сүрөтчүсү.

Юэ Ши

ТАЙПИН СИНГО БИЙЛИГИ ӨКҮМ СҮРГӨН ДООРДОГУ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨ БАЯНЫ

                                                             (976–984-жж.)

ТАЙПИН ХУАНЬЮЙ ЦЗИ

«Тайпин хуаньюй цзи» («Тайпин синго бийлиги өкүм сүргөн доордогу (976–984-жж.) бүткүл дүйнө баяны») Юэ Ши тарабынан X кылымда Сун сулалеси тушунда түзүлгөн. 200 баптан турат. Энциклопедиялар түркүмүнө кирет. Бул эмгектин 199-бапында «Синь Тан шунун» («Тан сулалесинин жаңы тарыхы») 217 -бапы менен бир катарда байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхы кыйла толук түрүндө баяндалат.

199-бап

Хакяньси – Хагас (кыргыздар)

Сяцзясы (кыргыздар) – түндүк-батыш талаасындагы мамлекет. Адегендеги аталышы – цзйегу, дагы бир наамы – цзюйу, аларды цзяньгунь деп да аташат. «Тарыхый жазмалар» аларды цзяньгунь, хань тарыхы гэгунь деп атайт.

Хуйхэ(ден) (уйгурлар) түндүк-батышта 40 күндүк жолдо турушат. Бир басылмада 3000 ли аралыкта деп айтылат. Анда жашап тургандар мүлдө шыңга бойлуу, куйкул чачтуу, жашыл көздүү болушат. Кара чачтууларды таалайы тайкы байкуштар дешет. Анткени Цзя Хуйдун эмгеги «Сиюйцзи(де) («Батыш аймагы жөнүндө баян»): «Чачы, көзү каралар – Ли Лин(дин) тукумдары»,– деп айтылат. Ошондон улам алардын өз аты – «дувэй(дин) (баш акимдин, б. а., Ли Линдин) тукумдары.

Сйеяньто жалпы жонунан бийлик жүргүзүш үчүн ал жакка бирден адам атказышка Сйели(ге) (Хйели) такай амир этип турушкан.

Алардын мамлекетинде улуу кол башчы Хэси-бий, (мансап даражасы жагынан) кийинкиси Ацзюйшэ-бий, андан аркысы» А-ми-бий деп аталат. (Ушул) үч адам биргелешип бийлик жүргүзүшөт.

Алардын мамлекетинде өкмөт адамдары цзай-сянь, дуду мансап даражаларына, андан соң цзянцзюнь, дацянь (дагань болсо керек) атак-наамдарына ээ.

Тан сулалесинин Чжэнгуань бийлигинин 6-жылында (632-ж.) Тайцзун янь-ши-вэй Ван И-хунду алардын мамлекетине элчи кылып жөнөткөн.

17-жылы (643-ж.) цзяньгунь(дар) (кыргыздар) (кытай ордосуна) киш аң терилерин жана андан жасалган (адеми) тондорду тартуу этишке элчи атказышкан.

22-жылы (648-ж.) эл башы Сы-мо-фа Сибоцюй Ачжань ордого өзү келип, мындай деп билдирген: «Мен улуу дөөлөткө бүт жан-жүрөгүм менен берилдим, андыктан өкмөттүк мансап даражасына ээ болуп, улук төрөлүктү күбөлөгөн такта белги (көз каранды бийлик символу) алышка үмүт этем, сураганым ушу».

Ошондо ага сол (канат) туньвэй-да-цзян-цзюнь атакнаамын, Цзяньгунь(дун) баш акими мансап даражасын ыйгарышкан. Алардын журтуна баштагыдай даража берип, (аны башкарыш үчүн) Яньжань духусуна караштуу цзянь-гунь-дуду-фу мансап орду дайындалган.

Юнхуй бийлигинин 4-жылында (654–655-жж.) ордого тартуу жеткизиш үчүн дагы бир ирет элчи жөнөтүшкөн. Муруңку жосунунан жазбай (Сы-мо-фа) мындай деген: «Кытайдын өзүндө биздин көп кишилерибиз бар. Аларды азыр ата-журтуна коё берсеңер экен. Тез арада шоу-линь жиберишиңерди сурайм».

Гаоцзун Фань Цянды жөнөтүп, көптөгөн кымкап сый тартуу кылган; кун төлөп куткара турган кишилери табылганда, аларды бошотуп алыш үчүн сяцзясы (кыргыздар) мурдагыдай эле келип-кетип турушкан.

Тяньбао бийлиги өкүм сүргөн жылдарга (742–756-жж.) дейре тартуу жиберүү токтогон эмес.

Ордого келип, айтылуу эки атты тартуу этиш үчүн алардын мамлекети Хуйчэн бийлигинин 3-жылында (843-

ж.) жети адамга баш кылып Чжу-у-Хэсу элчини жиберген. Көптөн бери тартуу жиберишпегендиктен, ошондой эле өзгөрүп кеткен наамдар анча айкын болбогондуктан, Цзя Дань тарабынан даярдалган «Сыишу» («4 чет жерлик жөнүндө баян») китебинен тактап аныкташка тапшырма берилген. Анда сягэсы деген аталыш жазылганы аныкталган. Ошондон соң Цзя Дандын «Тунси-хуанцзюн» (чыгармасы) (сөзмө-сөз: «жапайы өлкөлөрдү түшүнө бил үү») калетсиз анык-так экени айкын болгон.

Башта хуйгулар (өкүмдардын) жакшылыгын жеришип, бүт тайпа-журттарды чаап-тоноп алышып, Линчжоу (аймагына) басып киришкен. Өкүмдар ал (аймакты), кокус дөөлөт кыйрап калса, башпаана жай катары санаган. Ошондуктан (уйгурларга) мейличи деп көз жуумп коё алган эмес. (Сары дайрадан чыгыштагы) айрым Хэдунь аскерлерине жана башка аймактарга (хуйгуларды) жазалашка дароо буйрук берген.

Хэдун (аймагынан) аскерлери биринчи айда хуйгуларды Шаху тоосунда таш-талкан кылышып, жоо жайланышкан чатырларга жакында келишкен. Биздин (Кытай) аскерде баш калкалаган канбийке Тайхэгунчжуну кабыл алышкан. Курал – жаракчан каган бир нече ондогон атчандар менен тоо жамынып качып кеткен. Сяцзясы хуйгурлардын ошондогу жеңилип качканынан пайдаланып, андан соң алардын мамлекетин ээлешкен.

2-айда Чжу-у-Хэсу элчини жана башка жети адамды ордого келип, даңазалуу аттарды тартуу кылышка атказышкан. Андан тышкары, улуу тан сулалесинин аскердик күч-кубатын эш тутуп, ошол эле учурда жарлык ыйгарышты өтүнүшкөн.

Хуйчан бийлигинин 4-жылында (844-ж.) өкүмдар тайпуцинге жана (аны менен) бирге юйши-чжунчжу Чжао Фанга түпөктүү асаба туу менен (салтанаттуу түрдө) тынчтык алака-мамилесин жар салышка буйрук эткен.

5-жылда (845-ж.) Цзуйинсюнучэнмин жарлык менен каган жарыяланган. Ал аңгыча өкүмдар Уцзун дүйнөдөн өтүп, Дачжун бийлигинин биринчи жылында (847-ж.) барып гана жарлык ыйгаруу каадасын жасашкан.

Хуйчан бийлиги (841–8460-жж.) тушунда ми-шу-шао- цзянь Люй Шу хагас ордого тартуу тапшырыш салтанатын сүрөткө тарткан. Ошону менен бирге улук төрө (министр) (ал сүрөткө) кириш сөз жазган; анда алардын (хагастардын) жагдайы кең-кесири түшүндүрлүп баяндалган.

(Өлкөнүн) ал-абалы. Ал мамлекеттин түндүк тарабында Тянь-мань тоосу бар. Жер (шарты) жайында нымдуу, кышындасы кар басып жатат. Өзөн-суусу бар; ал Хуйгу (дан) (уйгурлар өлкөсүнөн) түндүктү карай агып, аска-тоолор аркылуу өтөт. Ошондой эле айтымда ал өлкө батыш тарабынан Кара тоого (Циньшань, Кара тоолор) такалат. Алтын көлү бар; ал айрылып, эки дайра болуп агат. Бири – Янхэ (кой суусу), экинчиси – Цзяньпинцзицзэхэ деп аталат.

Тяньдэ чебинен батышты карай 200 ли жол басып батыштагы Шоуцзянчэнге келишет. Ошондой эле түндүктү көздөй 300 ли жол арытып Пэнтицюань(га) – Биргазан башатына (бир кыйла эртеги тексттерде Питицюань – Гагара башаты) келишет. Хуйчжандан түндүк-батышты карай 1500 ли, хуйгу(дан) түндүк-батышты көздөй 40 күнд үк жол басып, ошондо гана ал мамлекетке жетишет. Чыгыш жагынан (эгер Шанъюйдун ордосунан баштап эсептесек) 7000 ли, түштүк тарабынан (эгер Чэщиден тартып эсептесек) 5000 ли аралыкта турат.

Жергиликтүү каада-салттары жана буюм-тайымдары. Ал өлкөдө жашагандар бүт жылаңбаш, чачтарын өрүп жүрүшөт. Кийим-кечеги туцзюэ(никине) (түрктөрдүкүнө) окшош. Кышында киш аң терисинен бөрк жасашат; жайында калпактарын алтын менен кооздошуп, төбөсүн шуштуйтуп, курбусун кайрып коюшат. Алар хуйгулардын (уйгурлардын) айтымында, азыр да ушундай баш кийим кийишет.

Букаралары ак кийизден калпак жасашат, калган кийим-кечек бычымы жалпы жонунан бирдей.

Кийим- кечегин кымкаптан же түркүн түстүү кыл торко кездемеден тигишет; куруна бычактары менен чарык кайрактарын тагынып алышат.

Карапайым (букаралары), сүрөттө көрсөтүлгөндөй, куур тон кийишип, жылаңбаш жүрүшөт.

Аялдары кыл торко кездемеден, а байлары жибек менен кымкаптан кийим кийишет. Анткени (ал өлкөдө) аньси, бэйши жана даши товарларын алыш оңой.

Ажэнин ордосунда жыгач мамылар орнотуп, тосмо жасашкан; чоң кийиз үй тигип, аны цзаодычжи деп аташкан. Алардын төбөлдөрүнөн тартып, төмөнкүлөрүнө дейре, бүт чакан бөз үйлөрдө турушат жана ошону менен бирге жыгачтан да, териден да үй- жай тикелешет.

Тургундары жыл башы дегенде, (аны) «мао-ши», айды айтканда, (аны) «ай» деп аташат. (Адамдар) жазды, жайды, күздү жана кышты айра билиш үчүн ар бир үч «ай» бир (жыл) мезгилин түзөт.

Он эки айбанаттын жардамы аркасында жыл сүрүшөт, мисалы, эгер жыл «цзы» айлампа белгиси астында турса, чычкан жылы, «сюй» белгиси астында болсо, анда ит жылы дешет. Бул (аларда) хуйхулар (уйгурлар) менен бирдей.

Аба ырайы абдан суук; такай муз тоңуп турат; а тургай улуу дайра дагы жарым-жартылай тоңуп калат.

Беш түркүн эгин-тегин жок; арпа, буудай, кара таруу, кара куурайдын үрөнү гана бар.

Ар дайым 3-айда айдап себишет, 8–9-айда (түшүм) жыйнашат. Ичимдик жасаш үчүн, ошондой эле арак ачытыш үчүн атала кайнатышат. Буудайдан жаргылчак менен ун тартышат. Ажэнин тамагына камыр кошушат. Карапайым тектүүлөрүнө келсек, алар жалаң эттен, жылкынын, төөнүн этинен бөлөк эч нерсе жешпейт. Музыкалык аспаптардан дап, сурнай, кернай, чоор, сыбызгы, жалпак коңгуроо бар.

Чоң жыйындарда ошондой эле тамаша-зооктор: төө жарыштырмай, арстандар, ат оюндары жана башкалар болот.

Алардын аттары аябагандай чымыр жана москоол келет; алышканга жарамдуу азоолорун чыгаан аттар дешет.

Алардын мал-жандыктары ар түркүн: төөлөр, букалар, койлор, асыресе букалар айрыкча көп. Бай үй- бүлөлөрдүн эки-үч миң туяктан мал-жандыгы бар.

Жапан жаныбарлардан жапайы жылкылар, гуду, «юань» сары койлору, «ди» койлору, бугу-маралдар жана кара куйруктуулар бар. Кара куйруктуулар каргаларга окшош, бирок (алардын) куйругу узун жана кара түстө болот. Жергилик калк аларды «сымо» деп атайт.

Балыктардан узуну жети-сегиз чи келген мйе балыгы, оозу жаагынын астында жайгашкан кылкансыз мохэнь балыгы бар.

Канаттуулардан каз-өрдөктөр, кара кунастар, каргакузгундар, сагызгандар, карчыга куштар бар. Кытайдагыдай эле көп санда олжолонот.

Аларда өнүүчү өсүмдүк-чөптөр өтө көп түркүн, жалпы жонунан хуйхулар (уйгурлар) менен бирдей.

Бак-дарактардан кызыл карагай жана чынар теректер бар. Алар ушунчалык узун шыңга болгондуктан, жаа тартсаң, жебеси учуна жетпейт. Ошондой эле кара жыгачтар жана талдар бар, айрыкча кайыңдар аябай көп. Алардын жеринен алтын, темир жана калай чыгат. «Ванхуйту» айтат: алардын мамлекетинде көкө теңирден жаап түшкөн көк темир бар; аны бычак жана кылыч жасаш үчүн жыйнап алышат; (ал) укмуштуудай (айрыкча), качандыр бир ал жактан келген өкүлдөн (темирди кантип аласыңар) деп сурашкан, ал жашырып жооп бербей койгон. Бир гана айтканы: темир абдан чың жана курч, өтө чеберлик менен эң мыкты иштетилген деген. Анткени алардын жери темир чыгарат. Көнөктөгөн жаандан бак-дарактар тоңуп, темир пайда болот. Маалкаттың дегиче (б.а., эгер темирди дароо издеп баштабасаң), (аны) жер соруп кетет. Ошон үчүн (ал) айрыкча ажайып жана өтө өткүр. Ошол эле учурда көктөн түшкөн жаан соңунан адамдар (ал темирди) ар качан чогулткан сайын, сөзсүз түрдө жаракат алгандар жана өлгөндөр болот. Анык себеби түшүнүксүз.

Цзя дань айтат: «Адатта жакшы темир чыгарышат, аны цзяша деп аташат». Такай туцзюэ(лерге) (түрктөргө) алып чыгышат. Ал так ошол (темир). Алардын курал-жарагын айтсак, көбүнчө калкандарды жана жаа, жебелерди колдонушат. Алардын аттары өңүнөн аягына дейре чарайна соот менен чүмкөлгөн. Ошондой эле калкан жасап, аны эки мүрүсүнө таңып алышат; аларды ыктуу колдонсо болот.

Жебени майтарыш үчүн калканды мындайча жасашат: жыгачты чаап оюп, ортосуна туура тутка кадашат; (андай калканды) жебе теше албайт. Алардын ошондой эле асаба туулары бар, Ажосу бир туу орноткон, анын сабы бүт кырмызы кызыл. Туцзинь жайын айтсак, ар тайпа журтунун өз наамы бар.

Аскеринин санына келсек, 30000дей деп айтышат. Эгер анык санын сураса, (аскер) курап атказганда, жумурай журт жана баш ийген уруулар бүт бойдон аттанып чыгат деп айтышат. Алардын алык-салыгын айтсак, аны киш жана тыйын чычкан аң терилери менен төлөшөт.

Эр жеткен эрендери өздөрүн өзгөчөлөш үчүн бүт баары тең беттерин каралап алышат. Эрге тийген катындары дагы кулагынан мойнуна чейин өңдөрүн каралап жүрүшөт.

Ал жакта жашагандардын кийим-кечегине жана жакшы жасалгаларына келсек, киш менен суусар аң терилерин баалашат.

Тамакты кол менен жешет.

Нике кыйышканда буюм-тайым белек кылышпайт.

Урук-тууган (үй-бүлө же уруу) миң же жүз кишиден турушу мүмкүн; турак-жайы, жаткан төшөгү, жамынган жуурканы бир.

Эгер кимдир бирөөсү кайтыш болсо, үч ирет гана үн чыгарып ыйлашат. Беттерин тытышпайт, маркумду өрттөшүп, сөөгүн чогултуп алышат; жылдыгы болгондо, жерге беришет.

Кышында там салышып, (аны) жыгачтын кабыгы менен жабышат. (Ал) адамдар айбанаттарга аңчылык кылганды жакшы көрүшөт.

Бардыгы тең жыгач аттарды (чаңгыларды) пайдаланышат. Тоонун түндүк боору менен көтөрүлүп, төмөн карай зуу коюшканда, тим эле учуп бараткандай көрүнөт.

200-бап

Бома (дөөлөтү) Сяцзясы (Кыргыз) (мамлекетинин) түндүк тарабында жайгашкан. Алардын жери Түндүк деңизине жакын чөлкөмдө. Чаньань(га) чейин 14000 ли; (жолоочулар) (Бомага) беш ири туцзюе (түрк) тайпасынын конуш журттарын басып өтүп, анан жетишет. Тандамал аскери – 30000 адам, жылкылары – 300000. (Бома) мамлекетин эркин башкарат; бомалар түрктөрдөн анча айырмаланышпайт. Жаа-жебелерди, кылычтарды, найзаларды, калкандарды колдонушат; түнкү кароолдору жана жан сакчылары жок; сыйлык дегенди да билишпейт. Аттарынын түсү ала (бо), ошондон улам мамлекети да (Бома) деп аталат. Алар аттарын миниш үчүн пайдаланышпайт; сүтүн гана саап, кымыз жасашат жана аны азык катары колдонушат. (Бома) менен сяцзясы бири-бири менен көп чабышат. Бома(лардын) өң-түсү сяцзясыларга окшош, бирок тилдерин түшүнүшпөйт. Юн-хуэй бийлиги өкүм сүргөн доордо (650–656-жж.) Тан (дөөлөтүнүн) ордосуна тартуу менен элчилерин жиберишкен. Түрктөр боманы – «хэла» дешет, ошондой эле мамлекетин да – Хэла деп аташат.

Биринчи айда Хедун аймагынын аскерлери Шаху тоосунда хуйгустарды (уйгурларды) катуу талкалап, жоонун чатырларына жакындап келишти. Канбийке Тайхэ-гунчжунду кабыл кылышты; ал биздин (кытай) аскерге баш калкалады. Каруу-жаракчан каган бир канча ондогон атчандар менен тоо ашып качып кетти. Сяцзясы уйгурлардын ушул жолку чабылып-чачылып качканынан пайдаланып, андан соң алардын мамлекетин басып алышты.

Г.П.Супруненко

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНА БАЙЛАНЫШТУУ АЙРЫМ БУЛАКТАР[1]

Енисейдин баш жагын байырлаган байыркы кыргыз уруулары тууралуу эң алгачкы маалыматтар кытай булактарында Хань империясынын Борбор Азиядагы тышкы саясаты кызуу жанданган мезгилде пайда боло баштайт. Кытайдын Батыш багытындагы баскынчылык аракетине агезде азыркы Монголия аймагын жердешкен сюннулар (гундар) жолтоо болушкан. Алар Борбор Азия соода жолдорун көзөмөлдөп, Батыш аймагындагы бир катар мамлекеттер менен түндүктөгү түмөн урууларга өз саясий таасирин жайылтып турушкан.

Айталы, б.з.ч. I кылымдын башында түзүлгөн «Ши цзи» кытай тарых жазмасында сюннулар (гундар) Кыргыз өлкөсүн өзүнө каратып алганы жөнүндө учкай кабар катталып калган (17,1034). Бул окуя болжол менен сюннулардын (гундардын) шаньюйу Маодунь көптөгөн жортуулдардын натыйжасында өз өлкөсүнүн чегин чыгышта Кореяга, а батышта – азыркы Синьцзянга чейин кеңейтүүгө жетишкен б.з.ч. 201-жылга туура келет (кар. 5, 23). Анда сюннулардын (гундардын) түндүгүндөгү баш ийдирилген башка үруулар менен бирге, динлиндердин катарында, кыргыздар (гегунь) да аталган.

Сюннулардын (гундардын) кыргыздарды каратканы тууралуу, ошондой эле б.з. I кылымында түзүлгөн «Цзянь Хань шу» аттуу тарыхый эмгекте да эскерилет. Биздин заманга чейинки 48-жыл ченде Чжичжи шаньюй өз борбор калаасынан 7 миң ли батыш тарапта жана Чэши (Чыгыш Тянь-Шань) аймагынан 5 миң ли түндүк чөлкөмүндө жашаган кыргыз (гяньгунь, гянькунь) урууларын кыйратканы жөнүндө Бань Гу маалымдайт. Бул координаттар Енисейдин баш чени менен дал келет (кар. 1,7; 3, 560–561).

Кыргыздар тууралуу Саньго доорунда Юй Хуань тарабынан түзүлгөн «Вэй-люеде» («Вэй баянында») да эскерилет (220–280). Бул чыгарма Пэй Сун-Чжинин «Саньго чжиге» жазган түшүндүрмөлөрүндө сакталып калган. Анда Ордо мамлекеттин (Срединное государство) айланачөйрөсүндөгү уруулар жана өлкөлөр, ошондой эле алар менен байланыштыруучу жолдор жөнүндө сөз болот (13, 4531). Көптөгөн изилдөөчүлөр көрсөткөндөй, бул булакта кыргыз өлкөсүнүн жайгашкан орду тууралуу кайчылаш маалыматтар камтылган (23, 559-560, 1, 7–8).

«Вэй-люедеги» маалыматтарга караганда, байыркы заманда Дуньхуандагы Юймыньгуань бекетинен Батыш аймагын карай эки жол болгон. Ал эми Вэй династиясы мезгилинде (220–265) дагы бир жол салынган. Булардын баары Юймыньгуандан башталган. Биринчи, түштүк жолу жоцян урууларын кыйгап өтүп, батышты көздөй Цунлиндер аркылуу чоң юечжилерге чейин жеткен. Экинчи, ортоңку жол, батыштагы Цюцулар менен Цунлиндерге дейре созулган. Жаңы, түндүк жолу түндүк-батыш багыты боюнча Чэши аймагына дейре жетип, Гаочайда Цюцуларга кетүүчү ортоңку жол менен туташкан.

Бизди кызыктырганы, кыргыздардын өлкөсүнөн батышты көздөй өткөн түндүк жолунун бир бөлүгү (23, 559–560, 1, 7–8). Худэ Цунлиндердин түндүк тарабында, Усундардын түндүк-батышында, Канцзюйлардын түндүкчыгыш жагында (жайгашкан).

Гяньгунь өлкөсү Канцзюйлардын (!) түндүк-батышыраак чөлкөмүнөн орун алган. Тандамал аскери 30 миң адам. Мал артынан жүрүшөт (б.а., көчмөн мал чарбачылыгы менен шугулданышат – Г.С.). Аерде кундуз-киштер көп, жакшы аттар бар.

Динлиндердин өлкөсү Канцзюйлардын түндүгүрөөк жагында. Жогоруда (аталган) бул үч өлкө, борборундагы Гяньгунь менен кошо, сюннулардын (гундардын) шаньюйунун Аньсишуй өзөнүнүн боюндагы ордосунан 7 миң ли аралыкта орун алган. Алардан 5 миң ли түштүк аралыкта-Чэши жана (башка) 6 өлкө бар. Түштүк-батышты карай Канцзюйлардын чегине чейин – 3 миң ли (б.а., алар ордодон чыгышыраак жакта жайгашкан – Г.С.). Айрым изилдөөчүлөр бул динлиндерди сюннулардын (гундардын) түндүк жагында (жашаган) динлиндердин өзү, ал эми Усундардын батышыраак тарабында (турушкан) түндүк динлиндери алардын башка бир тайпасы болсо керек деп эсептешет. Андан тышкары, сюннулардан (гундардан) түндүгүрөөк чөлкөмдө: Хуньюй, Цзюйеше, Динлин, Гегунь, Синьли өлкөлөрү орун алган. Кыязы, Бэйхайдын түштүгүндө (жашаган) динлиндер, Усундардын батышыраак жагында жайгашкан (динлиндер) эмес көрүнөт (13,4531).

Бул кабардан Пэй Сун-чжинин өзүнүн анчалык анык эмес билдирүүлөрүн жана Сыма Цянь менен Бань Гунун ал тарабынан кайталанган маалыматтарын бөлүп көрсөтсө болот.

Пэй Сун-чжинин маалыматы боюнча, Чэшилердин батыш жагында усундар жашайт, ал эми андан ары түндүкбатышта Канцзюйлар өлкөсү орун алган. Үч падышачылык доорундагы кытай картасында болсо Канцзюйлардын чыгыш чегарасы болжол менен Тарбагатай тоо кыркалары боюнча белгиленип, усундар түштүгүрөөк жакта калып жатышат. Бул чегаралар Хань доорунда эле аныкталган. «Хань шу» текстинин эскертүүлөрүндө Сюй Сун: «(Усунь журтунун) батыш жана түндүк тараптары Канцзюйларга танапташ жайгашкан»,– деп жазат (шилт.: 4,74). Пэй Сун-чжинин жазганы боюнча, андан ары Канцзюйлардын түндүк-чыгышында Худэ (болжолдо Алтай аймагы) орун алган. Буга караганда, кыргыз уруулары турган жер андан ары чыгышта болушу керек эле. Бирок жаңылыштан же ката жазуудан улам ал баштап келген элчиликтин иши боюнча эки баяндама билдирүү бар: Цзинь сочжуань сяцзясы шу чжуан» («Кыргыздарга (сяцзясы) казылган кат жөнүндө билдирүү») жана «Цзинь сочжуань сяцзясы кэхань шу чжуан» («Кыргыз (сяцзясы) ханына жазылган кат жөнүндө билдирүү»)13. Дидэисы Наньчжу баштап келген элчиликтин иши жөнүндө «Цзинь сочжуань сяцзясы хпу чжуан» («Кыргыздарга (сяцзясы) жазылган кат жөнүндө билдирүү») жазылган14. 843-жылдын 1-айында (3-февраль – 4-март ) «Лунь июйжень чжуан» («Котормочулар жөнүндө билдирүү») жазылган15.

Ли Дэ-юйдун эмгектери Тан тарыхынын «ивэньчжи» бөлүгүнө киргизилген16.

«Цэфу юаньгуй» энциклопедиясында Дидэисы Наньчжу өкүл аркылуу жөнөтүлгөн каттан эки ирет үзүндү келтирилет.

Сыма Гуан ошондой эле баянга Ли Дэ-юйдун каттарынан алынган үзүндүлөрдү да кошкон. «Киришүү…» жана төрт кат «Цяньдин гуцзинь тушуцзичен» («Байыркы жана азыркы заман китептери менен сүрөттөрүнүн бийик даражада бекитилген толук жыйнагы») энциклопедиясында жайгаштырылган. Ли Дэ-юйдун эмгектери «Цяньдин цюань тан вэнь» («Тан заманындагы эмгектердин бийик даражада бекитилген толук жыйнагы») жана «Сыбуцункань» («Төрт бөлүк боюнча чыгармалар жыйнагы») басылмаларына кирет.

Ли Дэ-юйдун чыгармаларын кытай авторлору өз эмгектеринде пайдаланышабы деген суроого келсек, бу жагынан биз Ван Го-вэйдин чыгармалары менен Цэнь Чжунмяндын эмгегин атап көрсөтсөк болот. Ван Го-вэй «Хэйчецзы жана Шивэй жөнүндө изилдөөлөрүндө», ошондой эле «Татарлар (дадань) тууралуу изилдөөлөр үндө» Ли Дэ-юйдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү келтирет. Ал эми

Цэнь Чжунмянь болсо өз эмгегинин түшүндүрм өлөрүндө Ли Дэ-юй тарабынан жазылган баяндама билдирүүлөрдүн бирин атап көрсөтөт. Ли Дэ-юйдун чыгармалары, котормосу жок болгондуктан, орус жана батыш европа синологдорунун эмгектеринде колдонулган эмес.

Жарыяланып жаткан булактын мазмунуна байланыштуу буларды айта кетиш керек. Ли Дэ-юй тарабынан даярдалган документтер IX кылымда енисей кыргыздары менен Кытайдын карым-катышы кандай мүнөздө жана канчалык үздүксүз болгонун кыйла кылдат карашка мүм күндүк берет.

Орто Азия элдеринин, анын ичинде кыргыздардын, Кытай менен болгон алака-байланыштарын изилдеп үйрөнүш үчүн баалуу материалдар орус кытай таануусунда биринчи жолу Н.Я. Бичурин тарабынан илимий талдап билүү алкагына киргизилген. «Тан сулалесинин жаңы тарыхынын» ал тарабынан таржымаланган Енисей кыргыздары тууралуу бөлүгүндө Кытайга келишкен эки кыргыз элчилиги (648-жылдагы Шибоцюй Ачжандын жана 843-жылдагы Чжу-у Хэсунун элчилиги) жөнүндө гана ачык-айкын айтылган. Ошол эле теманы иликтешке Н.В.Кюнердин «Түштүк Сибирь, Борбор Азия жана Ыраакы Чыгыш элдери туурасындагы Кытай маалыматтары» аттуу акыркы эмгеги арналган. «Тайпинхуаньюйцзи» 5 энциклопедиясынан Н.В. Кюнер тарабынан таржымаланган кыргыздар тууралуу бөлүк Енисей кыргыздарынын Кытай менен болгон алака-мамилеси (643–653-жылдардагы элчиликтер) жөнүндө жаңы маалыматтарды кабарлайт.

Енисей кыргыздарынын VII–IX кылымдарда Кытай менен болгон алака-байланыштары жөнүндө күбөлөгөн бир кыйла маалыматтар Кытайдын «Цэфу юаньгуй» энциклопедиясында бар, бирок адабиятта андан алынган котормолор жок.

Ли Дэ-юйдун эмгектеринен таржымаланып, жарыя ланып жаткан котормолордо үч кыргыз элчилчиги (843-жылдагы Та-бу Хэцзу, Вэнь-у Хэ жана Дидэисы Наньчжу элчиликтери) жөнүндө маалыматтар бар. Алар Енисей кыргыздарынын тарыхы боюнча изилдөөлөрдө жок. Документтердин маани-маңызы жөнүндө айтсак, алар IX кылымда Кытай чегара кыйырларында орун алган окуялар менен байланыштуу экенин эске алуу кажет.

Ал убакта 839-жылы Енисей кыргыздары тарабынан талкалангандан кийин уйгур уруулары кытай чегара кыйырларына жакын жерлерге жайланышып алып, Тан Кытайынын түндүк чегара чөлкөмдөрүнө такай чоң зыян келтирип турушкан. Ошондон улам Кытайдын уйгурларга каршы кыргыздар менен биргеликте согушууга умтулуу кызыкчылыгы келип чыккан. Бул мүдөө (император) Уцзундун кыргыз ханына жолдогон каттарында айкын туюндурулган. Кытайдын түндүк-батыштагы көчмөн тайпа-журттар менен мындай ынтымагы тарыхта боло келген (мисалы, Кытай түрк каганаттары менен кармашып турган тушта). 843-жылдагы окуялар Ли Дэ-юй тарабынан даярдалган документтердин бир тарабы. Айрыкча көңүл бөлүштү талап эткен экинчи тарабы – Енисей кыргыздарынын Кытай менен болгон карым-катыш тарыхы.

Документтерди таржыма кылышта көмөк көрсөткөнү үчүн Азия калктары институтунун кызматкери Линь Кюн-иге жана сын-пикирлери үчүн илимий жетекчи Л.И.Думанга автор чын ыкыластан ыраазылык билдирет.

[1] «История и культура Китая». – М., 1974, 236–248-бб.

«ЖАЛПЫ БИЛИК»

Түзгөн Ду Йу

Бул китеп Таң сулаласы кезинде 766-жылдан баштап жазылып, 801-жылы бүткөн. Жалпы 35 жыл ичинде китепче болуп чыккан. Мында жосун-жөрөлгөлөр, башкаруу эрежелери баяндалган. Жалпы көлөмү 200 ором.

Кыргыздар жөнүндө да атайын баян айтылган. Бул китеп ханзу «26 тарыхына» кирбейт.

«ЖАЛПЫ БИЛИК»

КЫРГЫЗДАР (**)

Кыргыздар Вий сулаласынын кезиндеги маалыматта каңкылардын батыш жагында, мыкты жоокери 20 миң, жайыт-сууга карай оторлоп мал багышат. Суусары көп, тулпарлар чыга турган жер болгон.

Кыргыз (**).

Кыргыздар уйгурлардын батыш жагында 3 миң чакырым келет. Жарактуу жоокери 80 миң. Бул мамлекеттин түштүк жагында Түмөн тоосу бар. Аябай токойлуу келет. Жайындасы суу кирет, себеби кыштын күнү кар калың жатат. Каттоодо бөгөт көп болот. Бир улуу суу болуп, ал уйгурлардын түндүк жагынан баштап агып, тоо-колотторунан өтүп, ушулардын жерин (кыргыздардын) аралап өтөт. Бул элдин (кыргыздардын) адамдары тоолордо жашашат. Кишилери олбурлуу келип, беттери кызыл, чачы жээрде, көзү көк болот. Кара чачтууларын жакшы жышааналуу эмес көрүшөт. Адамдары күчтүү, тууштуу болот. Алардан коңшулары айбыгышып турат. Эрдемсиген эркектери билектерине сайма чектирип, башкаларынан бөтөнчө болуп алат. Кыздары күйөөгө тийгенден кийин мойнуна кызыл гүл саймалатып алат. Булардын (кыргыздардын) кийимдери суусар ичик болот. Тамакты кол менен жешет. Салт-санаасынын көбүнчөсү түрктөр менен окшош. Үйлөнүү тоюнда калың бербейт. Жынысы байланышты бабар кылышпайт. Бөлөк адамдарга жологонду күнүлөп кетпейт. Эркектер-ургаачылар чогуу жашашат, ар бир тукумдун адамдары анын бүлөсү миңдеп, беш жүздөп болсо да бир үйдө жашай алышат. Бир жууркан жамынып уктай алышат. Өлгөн дөрүнө үч өкүрүп ыйлашат, бетин тилишпейт. Өлүктү өрттөп, сөөгүн чогултуп алып, жылына тоошкондо бейитке көмүшөт. Үйлөрдү жыгачтан салып, үстүн жыгач кабыктары менен жабат. Жеринен таруу, буудай, арпа, буурчак чыгат. Мөмө-жашылча болбойт. Жылкылары бар, суусары болот. Жаан жааган күндөрү темир алышып алат. Аны «кише» деп аташат. Алардын бычактары, кылычтары абдан курч болот. Бул мамлекетте аң уулаганда чана тээп, өйдө-ылдыйга карабай жүрө алат да, учкандай барып аңды кармап алышат. Мурдатан эле Жуңго менен барды-келдиде болуп көрбөгөн. Улуу Таңдын Жынгуан жыл санагынын 22-жылы (648-жылы) бул мамлекеттин баш кишиси өзү ордого келген.

                       «ТЫНЧ ААЛАМ ЭСТЕЛИКТЕРИ»

                                           Түзгөн Ду Йу

Бул китеп түндүк Суң сулаласынын жуграпийасын баяндаган китеп болуп, Тайпың Шыңго жыл санагы мезгилинде (976-жылы) жазылып бүткөн. Жалпы 200 ором.

Мында кыргыздар жөнүндө баян көлөмдүү берилген.

Бул китеп ханзу «26 тарыхына» кирбейт.

«Тынч аалам эстеликтери» 185-ором

Чар тараптагы бөтөн элдер – 14, батыш элдер – 6.

Кыргыз мамлекети (***). Вий сулаласы кезинен эле маалымат алынып келген. Булар каңкалардын батыш түндүк жагында. Жарактуу жоокери 30 миң, адамдары жайыт-сууга карай оторлоп мал багышат. Булгуну көп, жылкылары жакшы чыгат.

«Тынч аалам эстеликтери» 199-ором

Чар тараптагы бөтөн элдер – 26, түндүк дилдер – 11. Кыргыздар (***).

Кыргыздар батыш-түндүк жак чөлкөмдөгү мамлекет эсептелет. Тегинде «Жего» (**) деп жазылган. Дагы бир аталып жазылган Жүву (**) болгон. Андан дагы Жыйанкүн (**) делип жазылды. Ал эми «Тарыхый эстеликтерде» Гикүн (**), «Ханнамада» да Гикүн (**) болуп жазылып, айтылып келет. Алар уйгурлардын батыш түндүк жагына 40 күнчүлүк жол, дагы бир эстеликте андан ары 3 миң чакырым келет деп жазылган. Булардын (кыргыздардын) адамдары олбурлуу, кабелтең келип, жээрде чачтуу, көк көздүү келет экен. Кара чачтууларын жакшы жышааналуу эмес деп айтышат. Гай Жайүн жазган «Батыш өрөөн эстелигинде»: «Кара чач, кара көздүүлөрдү Ли Лиңдин тукумдары, ал киши (Ли Лиң) башкы кол башчынын урпагынан болгон» – деп жазылганы бар. Алар сыр-тардуштарга караган кезде, элтебир бир эле киши ал мамлекетти бакылап башкарып турган. Ал эми алардын (кыргыздардын) мансаптарлары кешик бий, жасак бий, умай бий деп аталып, ал үчөө мамлекетти башкарып турган. Өкмөттүк мансаптан: жайсаң, тутук, бек, сангун, таркан сыяктуулар болот. Жынгуан жыл санагынын 6-жылы (632-жылы), Тайзуң падыша кол башчы, Ваң Йыхуңду аларга (кыргызга) элчиликке жиберген. Жынгуан жыл санагынын 17-жылы (644-жылы) кыргыздардын элчиси суусар ичик, суусар терилерин тартууга алып келген. Жынгуандын 22-жылы (648-жылы), кыргыздардын баш кишиси Ишбара ажо өзү ордого келген. Ошондо мындай деген: «Мен чын жүрөктөн сиздерге эл болуп келдим, мамлекетиңизден мансапка коюп, чен берсе экен дегенди каалап турам» деген. Ошого аны сол кол черүүнүн сангуну, кыргыздардын тутугу болуп, ошол жерди башкарасың деген мансап берилип, Кыргыз тутук мекемесин Жанран коргоочу мекемесине каранды кылып коюлган. Йухуй жыл санагынын 4-жылы (654-жылы) алардан дагы элчи келип, тартуу тапшырган. Ал элчилери: «Биздин мамлекеттен (кыргыздардан) ушул ичкериде (Жуңгода) жүргөндөр бар, биз ошолорду чогултуп кеткибиз бар» деген. Бул өтүнүч ортого коюлгандан кийин, Гавзуң падыша буйруп, Панчаң көбүрөөк каржы алып, ошол ишти бир жаңсыл кылсын деген. Мына ошол иш оң чечилгенден кийин, ошондон Тыйанбо жыл санагына чейин (742-жылга чейин) үзгүлтүксүз алар ар жылы тартуу алып келип турган.

Хуйчаң жыл санагынын 3-жылы (843-жылы) алардын (кыргыздардын) элчиси Жоокуу Сол сыяктуу жети киши ордого келип, эки тулпар тартуусун жеткирген. Ошондон көпкө чейин тартуу алып келишпеген. Алардын атынын жазылышынын өзгөрүшүн биле албай сурамжалдап карасак, Жа Дан жазган «Чар тараптагы бөтөн элдерден баян» деген китебинде «Шийажас» (***) деп жазган экен. Жа Дан жазган алардын салт-санаа, жүрүм-турумдарындагы баян аябай төп экенин билдик. Элден мурда уйгурлар жакшылыкты унутушуп, эндегей жаткан элди чаап алды, кутургандан Лыңжу аймагына чейин кирип келди. Алардын мындай жоруктарын Теңир кечирбейт. Ошого Хыдуң сыяктуу жерлерде турган кошуунга буйрук түшкөн. Жылдын башка айында, Хыдуң жоокерлер уйгурларды талкалап Хусанды өлтүргөн. Алардын өргөө сүндө туруп жаткан ханыш кыз Тайхыны өз колубузга алып келген, хаканы он чакты жоокерин коштоп тоону аша качкан. Кыргыздар уйгурларды кыйраткандык үчүн алар мамлекет куруп алган. Жалган куран айында Жоокуу Сол сыяктуу жети киши элчиликке келип, тартуу тапшырган. Ал эми, алар улуу Таңдан суранган атак берүү иши үчүн Хуйчаңдын 4-жылы (844-жылы) ордо беги, кошумча бүтүкчүлөр мекемесинин башчысы Жаффан падышалык буйрук боюнча, атайын чен тон менен аларга (Кыргызга) барган. Хуйчаңдын 5-жылы (845-жылы) анан алардын баш кишисине «Теги баатыр, жоокерликте кыраакы, ак жүрөк хакан» деген атакты жарыялаган. Бирок Вузуң падыша (Ли Йан) кайтыш болгон соң, Дажуң жыл санагынын башкы жылы (847-жылы) анан зорго атак берүү мааракеси өткөрүлгөн. Хуйчаң жыл санагы кезинде катчы жаш бакылоочу Лү Шу «Кыргыздардын ордого тартууларынын сүрөтүн» сызган, кадыресе, ага жайсаң башкы сөзүн жазган китепте бул иштер айкын баян далган.

Бул мамлекеттин (Кыргыздын) түштүк жагында Түмөн тоосу бар. Кыштын күнү кар калың жаткандыктан, жайда суу өксүбөйт. Анда бир суу болуп, уйгурлардын түндүк жагынан агып бул тоо колутуна кирет. Дагы бир айтууда бул (Кыргыз) мамлекети Көкмөн тоосунун батыш жагында, Алтынкөлдөн эки айрык дайра бөлүнүп чыгат. Анын бирөө – Кой дайрасы, дагы бирөө – Кемпиңжез дайрасы деп аталат. Тийандыдан чыккан черүү колу батышка 200 чакырым жүргөндө «Батыштан багынгандар шаары» дегенге жетет. Андан ары түндүккө карай 300 чакырым жүрсө, Кыргый булак дегенге жетет. Ошондон батыш түндүккө карай 1500 чакырым жерде уйгурлардын ордосу бар. Уйгурлардын дагы батыш түндүк жагына 40 күн жол жүрсө, бул мамлекетке (Кыргыз мамлекетине) жетет. Чыгыш жакка теңиркуттун ордосуна 7 миң чакырым, түштүк жагы Кушуга 5 миң чакырым келет.

Жергесинен байлык чыгат.

Бул хандык мамлекеттин адамдары (кыргыздар) жылаңбаш, айдар чач менен жүрөт. Кийимдери түрктөргө окшош, кыштын күнү суусар тебетей кийишет. Жайдын күнү төбөсүнө отогот байлаган шоңшогой, кайырма калпак кийишет. Бул уйгурлардын таажылуу, этеги ак бөрктөрү менен окшобойт. Кийимдери түрдүү-түстүү буулум кездемелер болот. Белдерине кисе байланып жүрүшөт. Карапайым адамдары териден кийим кийишип, жылаңбаш жүрөт. Кудум сүрөткө тартуучу немедей. Ургаачылары жүн торко кийим кийишет. Ал эми бай-бардарлары кийимди буулум-жибектен киет. Ал кездемелерди Күчар аймагы (Аншы), Бешбалык (Бейтиң), араптардан соодага алып келишет.

Баш киши «Эр» жыгачтарды калап салган коргондун ичиндеги чоң өргөөдө турат. Аны алар «бөдке» (так) деп аташат. Башка мансаптарлары кичик өргөөлөрдө турушат. Үйлөрүнүн үстүнө жыгач кабыктарын төшөшөт. Алар жылдын башкы айын «баш ай» дешет. «* нү» «ай» дешет. Ар үч ай бир мезгил деп: жаз, жай, күз, кыш деген мезгилдерге бөлүшөт. Он эки мүчөл эсептемейи бар. Мисалга айтсак, 1-мүчөлдү «чычкан» дейт. 11-мүчөлдү «ит» дейт. Жыл санагы уйгурлар менен окшош. Бул жердин (Кыргыз жеринин) абасы өтө суук келет. Ар бир муз тоңор кезде чоң суулардын жарымына чейин тоңуп болот. Дан эгиндеринен: буудай, арпа, сулу, таруу сыяктуулар бар. Дайыма чын куран айында (3-айда) эгин эгишип, 8–9-айларда түшүм алышат. Аштыкты азык-оокат кылышат, арийне, арак ачытып да ичишет. Буудайдан ун жасашат. Ал эми баш кишиси «Эр» токоч жейт. Башкалары эт менен кымызды негизги азык кылышат. Булардын (кыргыздардын) күү-аспаптарынан: доолбас, чоор, сыбызгы, сурнай-керней, барабан сыяктуулары болот. Чоң мааракелерде төө оюну, маймыл оюну, ат машы сыяктуулар өткөрүлөт. Булардын жылкылары чоң болот. Алышканда качырып чыкканын айгыр салышат экен. Андан бөлөк төрт түлүктөн: төө, уй, кой сыяктуулары болот. Кадыресе, ую көп, байларында 2–3 миңдеп уй күткөндөрү бар. Ал жерде жапайы жаныбарлардан: кулан, аркар-кулжа, бугу-марал, бөкөн, кара куйрук сыяктуулар бар. Кара куйрук бөкөнгө окшоп кетет, арийне куйругу узун, кара болот экен. Алардын айтуусуна караганда, бул азыр жок дейт. Булардын балыгы көп, кадыресе, 7–8 сөөм (чи) узундуктан болот. Темгили жок, оозу алкымынын алдында, кылтырыгы жок келет экен. Аларда канаттуулардан: каз, өрдөк, сагызган, бүркүт, ылаачындары Жуңгодогудан көп. Булардын жериндеги өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн көбүнчөсү уйгурлардыкы менен окшош. Булардын жеринде токой өсүмдүктөрдөн карагай, четин сыяктуулар бар. Карагайдын бийиктигине жаа тартсаң учуна жебе огу жетпей калат. Дагы карагандарынан шилби, тал сыяктуулар болот. Бул жерде кайың эң көп болот. Булардын жеринен кендерден: алтын, темир жана калай чыгат. «Падышанын элдер менен көрүшүү сүрөттөр жыйнагы» деген китепте: бул мамлекетте жаан жааганда темир ала турган, ал темирден бычак жасай турган иш бар экен. Эмнеге (жаан жааганда) темирди алат дегенди көп жолу алардын элчилеринен сурасам, алар жооп беришпеди. Бирок алардын темирден жасаган жарактары курч болот экен да, өнөр жай жагында кылдат келет экен. Бул жерден темир чыгышы, кар борошо болгон кезде дарактар муздап жыгыла берген да, жерге көмүлүп жатып, кен болгон чыгар. Антпей ар жаан жааганда, темир жаай берсе, адам, айбан кырылып калмак. Жа Дан дагы мындай дейт: «Булардан чыккан жакшы темир (кише) деп аталат, аны түрктөргө өткөрүп турат. Бул иш чыныгы болгон иштер экен». Булар (кыргыздар) жоокерлик жаракка көбүнчө калкан менен жаа урунушат. Мында аттын үстүнө алып жүрүүчү калканы курсактан бутка чейин калкалайт экен. Дагы бир түрдүү калканы болот экен да, аны эки мүрүгө байлап жүрүшөт экен. Бул калкан жыгачтарды аркытерки өтүштүрүп жасагандыктан жебенин огу аралай албайт, арийне жебенин огу жарып өтө да албайт экен. Буларда (кыргыздарда) туу болот. Баш киши «Эрдин» өзүнчө сайган туусу болот. Анын айчыгын алтын өрнөк түшүрүп жасаган. Ал эми ар бир уруусунун өзүнчө туусу (атагы) бар. Булардын жоокер саны 300 миң. Алардан сурасак жоого аттанганда кара калкы жана ага багынды уруулары кошо аттана тургандыктарын айтышты. Алар салык төлөөгө (бажыга) суусардын терилери менен көдөө чычкандын терилерин өткөрөт экен. Эрдемсинген эркектери билектерине сайма чектирип алышат, башкаларынан бөтөнчөлөнүп, кыздары күйөөгө чыкканда моюндарына кызыл түстүү сайма чектиришип жүрөт экен. Алардын кийимдеринде суусар терилеринен жасалгандарын баалуу баалашат. Тамакты кол салып жешет. Тойлукка калың төлөшпөйт экен. Бир атанын балдары миңдеп-жүздөп болсо да, бир үйдө жашашат. Жуурканды чогуу жамынышат. өлүмгө үч өкүрүп ыйлашат. Беттерин тилишпейт. Өлүктү өрттөп, сөөгүн чогултуп алышат да, жылы тоошкон кезде бейитке көмүшөт. Кышындасы үйлөрүнө дарактын кабыктарын жаап алышат. Адамдары аңчы келет. Чаңгы тээп, тоонун ой-чуңкуруна зымырап чыгып, учкандай барып аңды кармап алышат.

Ала жылкылуулар. Ала жылкылуулар кыргыздардын түндүк жагында, алардын жери түндүк деңизге жакын. Чаңанга (ордого) болгон аралыгы 14 миң чакырым келет. Түрктөрдүн беш уруусу ошол жерге чейин барат. (Ала жылкылуулардын) алардын жоокери 30 миң, жылкысы 300 миң бар. Ал мамлекетти иркин башкарат. Түрктөр менен каттоо жасабайт. Жаа, жебе, канжар сатышат. Жоокерлери бир жерлерге чогултулуп алынбайт. Жылкылар ала болот, атактуу аттар чыгат. Бирок алар атка минишпейт. Сүтүн кымыз ачытып ичишет, кыргыздар менен дайыма чабышып турат. Түстөрү кыргызга окшойт. Бирок тилдери окшобойт. Таң сулаласынын Йуңхуй жыл санагы мезгилинде (640-жылы) алардан тартуу келген. Түрктөр аларды «алалар» же «Ала мамлекет» деп аташат.

                                                  ЙУАН ТАРЫХЫ

Түзгөн Суң Лан

«Йуан тарыхы» деген бул китеп Йуан сулаласынын тарыхы баяндалган, ханзу «26 тарыхы» китебинин бирөө болуп эсептелет. Бул китеп 1369–1370-жылдары жазылып бүткөн. Жалпы 200 ором. Ал эми бул китеп өз кезинде шашылыш жазылгандыктан «Моңгул купуя тарыхы» «Падышанын ыйык жүрүштөрүнүн эстелиги» деген моңгулча тарыхтын материалдарынан толук пайдаланылбай калган. Ошого кийин бир нече «Жаңы Йуан тарыхы» деген китептер түзүлүп толукталган.

Бул тарых китепте кыргыздардын тарыхы бир чама кенен баяндалган.

                                                                               Йуан тарыхы, 1-ором

                                                                   Өздүк баян, биринчи

Тайзунун (Чыңгысхандын) 2-жылы (1207-жылы) күз дагы бир жолу таңгуттарга черүү салып, Орохой шаары чаап алынды.

Ушул жылы, Алтан Богора эки элчи кыргызга жиберилди. Ошондон соң эле алардан жети инал, алдаяр сыяктуу уруулардын элчилери келип кыраан бүркүттөрдү тартуулады.

Йуан тарыхы, 7-ором  Өздүк баян, жетинчи

(Жыйуандын 9-жылы 1272-жылы) 6-айдын 6-күнү. Корыйага батыш ордого (Шижаң, чет Бейжин) караштуу калааларды коргоп жаткан мансаптарлар жана алар барымтага кармап алган Жин Йы сыяктуу балдар жана инилер мамлекетке кайтып келди. Кыргыз эгинчилик кирешесинен алына турган бажы азайтылды. Ал эми аларга түштүк жактын адамдарынан 100 киши жиберилип, эгин айдоосуна кош өгүз, дыйканчылык шаймандары камдалды.

Йуан тарыхы, 12-ором Өздүк баян, он экинчи

(Жыйуан жыл санагы, 1272-жылы) 11-айдын 5-күнү Кем аймагындагы эгинчилерге жоокерлик кийим берилди.

11-айдын 9-күнү тарых бөлүмүнүн бүтүкчүсү Лыйү Хавлы келип, кыргыздардын салт-санаасы жөнүндөгү абалдарды баяндады.

11-айдын 30-күнү, падышалык коолу түшүрүлүп, Турету сыяктуу жерлердеги байлардан 600 уй өтүнөөгө алынып, кыргыздардын жакырларына таратылып берилди.

 Йуан тарыхы, 15-ором

 Өздүк баян, он бешинчи

(1273-жылы) Кулжа айынын (4-айдын) 21-күнү кыргыз элинин Корум деген жерде жашагандарынын арасында нактылуу текшерүү алып барылып, жакырларына куткаруу берилди.

25-күнү Корум деген жерде туруп жаткан кыргыз сыяктуу жоокерлер түндүккө карай кол тартты.

 Йуан тарыхы, 16-ором

(1273-жылы) 6-айдын 18-күнү кыргыздардан баштап ойротторго чейин болгон жерлерге алты бекет (кароол) курулду.

 Йуан тарыхы, 17-ором

 

6-айдын 28-күнү Жыргаку деген жерден 700 түтүн кыргыз сүрүлүп, Каскан деген жерге эгинчилик тиричилигин иштөөгө көчүрүлүп барылды.

 Йуан тарыхы, 18-ором

 

Жинсан тоосу деген жерде жашашкан кыргыз сыяктуу эл Саңдуңга көчүрүлүп барып, аларга эгинчилик, жер, кош өгүз, үрөн берилди.

Йуан тарыхы, 21-ором

 

Тогтодогу элдерден кыргыздарга беш айлык аштык таратылды.

Баш оона айынын 28-күнү, кыргыздардын жакырларына буудай, күрүч сыяктуу аштык менен куткаруу берилди.

 

 Йуан тарыхы, 22-ором

 Өздүк баян, жыйырма эки

12-айда, өлжей барып, ал жердеги Каркадай иналдын шайкешүүсү менен кыргыз элинен торко, унаалык ат, кыраан бүркүттөрдү жыйып келди.

 

Йуан тарыхы, 27-ором

Өздүк баян, жыйырма жети

6-айда, … Шүнды, Датуң сыяктуу жерлерде нөшөр жаан, мөндүр апааты болду. Кыргызды киргин суу каптады.

 Йуан тарыхы, 50-ором

 Санжыранын үчүнчүсү (баш бөлүгү)

Жыжы жыл санагынын башкы жылы (1321-жылы) 6-айда Бавжу аймагы киргин сууга кабылды. Хунхы суусу жер чайпады. Суу апаатына тушуккандар 30 миң түтүндөн ашты… Кыргыздарды да дайранын киргин суусу чайпады…

 Йуан тарыхы, 59-ором

 Санжыра, он бир

 Жуграпийа экинчи

Жавжу аймагы.

Кара баатырдын айтымында: Жыйуандын 30-жылы (1320-жылы), Шизуң (Кубилай) Кара баатырга: «Байыркы Найан жергеси деген бар. Ал азыр Абалак деп аталат. Анын балыгы көп жер. Азыр ал жерге бир калаа курулду. Анда аз эли, капканас эли, кыргыз эли сыяктуу эл жашайт. Ал калаанын аты Жавжу аймагы деп аталды, сен ошол жерге барып хан дорго болосуң» – дейт. Ошону менен ал ошол калаага барып, базарды омоктоштуруп, элди бейпил жашатат. Күнүнө тогуздан балык кармайт экен, ал ар бир балыгы тогуз чейрек чамасында оорлуктай экен. Аны падышага тартуу кылып туруптур. Дагы «Чыңзуңжы» эстелигинде: «Йуанжыңдын башкы жылында (1295-жылы) Жавжу аймагына эгинчилик түмөн түтүн мекемеси курулуп, Лыйавйаң өлкөсүнүн сол кол вазири Асан аларды башкарып турган, ал эми «Улуу бирдик» (*** *) санжырасы менен «Дүйнө билик» сөздүгүндө бул аймак жазылбаган. Анын кайсыга карай турганы, ким башкара турганын билгели болбойт. Азыр Гуаңниң (**) Найан ойпотунда, ал илгери (Найан) Гуаңниң мекемесине карачу эле.

Найан болсо (илгерки) Бургутейдин небереси болгон.

Йуан тарыхы, 63-ором

Жуграпийа тезкиреси, алтынчы

Кыргыз, Капкана, Кем аймагы, Жылан аймагы сыяктуу жерлер.

Кыргыздар илгери Орто түздүктөн (ханзулардан) келген 40 кыз менен аз (**) элинен болгон жигиттерге үйлөнгөн. Ошолордон болгон тукум ушуларга ат болуп калган. Бул жерден түштүккө карай баш ** калаага болгон аралыгы түмөн чакырымдай келет. Илгери найман эли да ушул жерде болгон имиш. Бул эл (кыргыздар) Йуан сулаласынын тушунда 9 миң түтүн эл болгон. Алардын жеринин чеби 1400 чакырым узундукта жатат. Жарымынан көбүрөөгүн Кем дайрасы аралап өтөт да, батыш түндүк жагынан деңизге куят. Батыш түштүк жагында дагы бир суу болуп, ал Абакан дайрасы деп аталат. Чыгыш түндүк жагындагы суу Үп дайрасы деп аталат. Алар өтө улуу суулар болуп, бардыгы Кем дайрасына кошулуп, андан ары Анкара дайрасы менен биригип, түндүктө деңизге куят. Бул мамлекеттин (Кыргыздын) салт-санаасы башкаларга окшобойт. Булардын (кыргыздардын) тили уйгурлардыкы менен окшош. Ак боз үйлөрдө жашашат. Жайыт, сууга карай оторлоп көчүп жүрүшөт. Эгинчиликти жакшы билишет. Кар жаап сонор болгондо чаңгы менен аң уулашат. Бөтөнчө түшүмдөрүнөн буудан жылкылар чыгат, ак, кара булгундар болот. Анкара деген жер ошол суунун атына карай коюлган. Бул кыргызга карайт. Бул жерден баш калаага баруу үчүн 25 миң чакырым жүрүү керек болот. Булардын тили (анкаралыктын) кыргыздарга окшобойт. Күн – узун, түн – кыска, күн отурган кезде койдун кабыргасы казанга салынса, чыгыштан күн жарыган кезде бышат. Бул жерди Таң сулаласынын тарыхтарында Корыкан мамлекети деп жазган.

Аз. Бул да суунун атынан улам коюлган. Бул кыргыздардын чыгыш жагы, Кем дайрасынын түндүк жагында. Булардын ар жылы 6-айдын башында өткөрө турган бир салты болуп, ак боз бээ, уй, кой сыяктууларды союп, жылкынын канын Аз дайрасына сээп, дайра ээсине (пирине) түлөө өткөрүшөт. Анткени ата-бабаларыбыз ушундан чыккан дегендери экен.

Капкана. «Кап» деп айтыла турган. Таар, кездемеден жасалган идиш бар. Анын ооз жагы кууш, капталы кампайып турат. Капканынын жер түзүлүшү да ушуга окшош болгондуктан, Капкана деп ат коюлуптур. Аздын чыгыштан Кем дайрасынын башаты башталат. Булардын чек арасынын ичинде эки чоң колот бар, адамдар ошол колоттор аркылуу чыгат. Тоосунда суу, токойлору аябай көп, чылктыгынан адамдар өтө алгыс болуп турат. Жапайы жаныбарлары көп, малы аз болот. Кембагалдарынын туруктуу мүлкү жок, кайыңдын кабыктары менен кепеалачык жаап алышат. Кайберендин (бугунун) терисин кийим кылышат. Бугу саап ичишет. Дарак мөмөлөрүн, чөптөрдүн тамырларын, дары чөптөрдү азык оокат кылышат. Кыштын күнү чаңгы менен аң уулашат.

Кем аймагы. Дайранын аты менен аталган. Баш калаага баруу үчүн 9 миң чакырым келет. Ал кыргыздардын чыгыш түштүгү, Кем дайрасынын батыш-түштүк жагы, Таң Ураңкай тоосунун түндүк жагында. Отуруктуу эли нече миң түтүн келет. Анын ичинде моңгулдар, уйгурлар да бар. Бул жерде устачылык орундарынан бир нечеси бар. Бул мамлекетке илгери ханзу жерлеринен алып келгендер имиш. Жери күр болуп, эгин жакшы болот. Жайындасы эксе, күз эле түшүм ала алат. Тырмоок-сүйрөм салып жүрбөйт. Айтууга караганда, Оң хан ушул жерде жашаган имиш.

Жылан аймагы. Бул жер жыландын атына коюлган. Илгери ушул жердин тоосунда жашаган бир киши чоң мар жыланды көрүптүр. Ал жыландын узундугу он арым келет экен. Ал уюгунан чыгып дайрадан суу ичип жүргөн. Анын жыты нече чакырым жерге жыттанат экен. Ошого бул аймакты Жылан аймагы деп ат коюшуптур.

Жыйуан жыл санагынын 7-жылы (1297-жылы) падыша Лыйу Хавлини Кыргыз, Капкана, Кем аймагы, Жылан аймагы сыяктуу жерлерге сотчу кылып жиберген. Ал ошол жерге кампа, турак жай салдырып, ошол жерлерди башкарган. Илгери ал жердеги элдер тал-чыбыктан чөйчөк, аяк токуп алып урунат экен, жыгачтан челек чаап алып суу ташыйт экен. Эгинчилик шаймандарын жасоону билишпейт. Лыйу Хавли сулаланын өкүмөтүнө суранып жатып, аларга усталарды алып келтириптир да, темир чыңоону, шайман жасоону үйрөтүп, жергиликтүү элге оңтой жаратып бериптир.

 Йуан тарыхы, 128-ором

 Жөн баян, он беш

(Жыйуан) 29-жылы (1319-жылы) күзүндөсү, Алтынтоо чаап алынды. Хайдудан (**) колго түшкөн үч миң түтүн эл Корум деген жерге айдалды. Андан соң кыргыздарды алуу буйругу келди. 30-жылы (1320-жылы) жаз, Кем дайрасына черүү жол тартты. Муздун үстү менен көп күн жол жүрүп, араң зорго алардын жергесине жетип, беш уруу эли чаап алынды. Ал жерге жасакчы жоокер коюп кетилди. Андан эрдик көрсөткөндөргө сыйлык берүү буйругу келди. Ажыдаар-жолборс коргоочу башкы сангунга акимчилик мекемесинин мөөрү басылган сыйлык берилди. Хайду кыргыздардын чаап алынганын угуп, кол баштап Кем дайрасына келип, салгылашып жеңилип калды. Анын сангуну Бороча кармалып келинди.

 

Йуан тарыхы, 151-ором

 Жөн баян, отуз сегиз

 Жаталахун баяны

Жаталахун Жижу аймагынан, Тайзу (Чыңгызхан) Жин мамлекетине черүү салууда очогор атала турган адамдарды жоокерликке чакырып чогулткан. Ал жоокерлерге Жаталахунду 4-кол черүүгө башкы черүү башы кылып милдетке койгон. Ал алтын отогот чен тагынып очогорлор колуна кол башчылык кылган. Моңгул кошуунун Йыдуга (**) жапырык жасап кирген кезде анын мансабы өстүрүлүп, ажыдаар-жолборс коргоочу кошуундун ага сангуну, маршал сол кошуун бакылоочу деген мансап берилген. Анткени анын иштерди башкаруусуна оңтойлуу болгон. Ал кошуун таркатылгандан кийин ал Кем-Кем аймагында туруштуу болуп калган. Ал жер байыркы уйсундар мамлекети болгон эле.

 Йуан тарыхы, 167-ором

 Жөн баяндын элүү төртүнчүсү

 Лыйу Хавли баяны

Лыйу Хавли, лакабы Жыңзы (Урматбек), Хаңжулук. Анын атасы Лийу Жоңзы Чын сулаласына чоң сотчу болгон. Үй-бүлөсү менен Бавдиңдин Ванжу аймагына көчүп барышкан. Лыйу Хавли кичинесинен эле акылдуу болуп, окумуштуу болуп жетилген. Ал моңгул тилин шар билип алган. Шыйанзуң (аты Мөңкө) кезинде арыз-доо мекемесинин акылчысы болгон. Ошол жылы Йуңшиңфу мекемесине далуукач мансабына коюлган. Жыйуан жыл санагынын башкы жылы (1264-жылы) ордо беги Лаңшитонун көрсөтүп тааныштыруусу аркылуу Лыйу Хавли Шизу Кубилайдын кабылдоосуна ээ болот. Кубилай анын баян тилине аябай ыраазы болот. Жийуан жыл санагынын 5-жылы (1268-жылы) ал падышанын чакырыгына абдан үн кошуп, мындай сунуш жазат: «Мансаптарлар иш жөнүндө баяндама жасаганда элден мурда хан уулунун алдынан өткөрүп анан жасоо керек. Андан бийлик иш жашырып-жабууга болбойт. Себеби ал элдин бакты жөнүндө көп ойлойт эмеспи. Ал эми Шанышынын орду эң эле зарыл. Ал жерди хан уулу, же болбосо өз бектер келип башкарганы оң болот. Калаа курулушун салган кезде, ошол жерлик элге ылайыктуу баа менен жер акы төлөгөн жөн. Мансаптарлардын толумдуулугун тандаган кезде Жуңтуңда үч жыл болгон деген менен чектемелеп койбоо керек» – дейт. Кубилай анын караштарын куптап, аткаруу комитетине аны аткаруу жөнүндө коолу түшүрөт.

Жыйуан жыл санагынын 7-жылы (1270-жылы) Лыйу Хавли Жылан аймагы сыяктуу беш элге (Кыргыз, Аз, Каңканас, Кем аймагы, Жылан аймагы) сотчу болуп барат. Милдети илгерки коргоочу мекеменин акими сыяктуу Жылан аймагын башкарат. Ал жердин ордо менен болгон аралыгы 9 миң чакырым, эли карападан идиш жасоону, темир чыңоону, суу үстүндө кеме-кайык айдоону билишпейт. Лыйу Хавли сулала ордосуна сунуш берип бир мынча усталарды котортуп келип, аларга өнөр үйрөткөн, ошону менен өзүнүн бийлигин жүргүзүүгө жана элге оңой жаратылган. Кээ бирөөлөр туз, арак үчүн бажы алып, киреше табуу керек деп ортого койгондо, Лыйу Хавли: «Ордо бийлиги мындай алыскы чөлгө өздөрүнөн адам жиберип башчы кылып коюудагы максаты ушул алыскы элди өзүнө баш ийип тургузуу го, анан эмнеге кара элди кажап алат экенбиз?» дегенде жанагы ойду ортого сала койгон киши кыжалат болуп, ага ынанып калган экен.

Жыйуан жыл санагынын 10-жылы (1273-жылы) түндүк жактагы моңгул бектери бузулуш жасап, каршылык көтөрөт. Ошондо Лыйу Хавли алардын черүүсүнүн колуна түшүп калат. Ал андайга кандай сөздөр менен айла табууга ыктуу болгондуктан, ал черүүнү башкарып жаткан ноёндор аны коё берет. Жыйуан жыл санагынын 16-жылы (1279-жылы) жазындасы бузулган бектер Лыйу Хавлини Кемкем аймагына чакыртып барып: «Падыша менден шектенип жатат, менин болорум болуп калды» – дейт. Анда Лыйу Хавли мындай деген: «Падыша сиз улук бектен эч качан шектенбейт. Эгерим сизден падыша шектенип калса, сизди ордого чакырып барып, анан кайра коё берет беле?» Жыйуан жыл санагынын 17-жылы (1280жылы) жазындасы, Лыйу Хавли жанындагы жарандарын алып түштүктү көздөй качып жөнөп, Орто түздүккө кайра келмек болот. Бирок жолдон бузулган бектердин черүүсү ороп чыккандыктан, ал аргасыздан батышка карай жүрүп, Шөйылиң тоосун ашып жүрүүгө туура келген. Лыйу Хавли кийимин бир миң башка соогат кылып жүрүп, зорго чыгышка көздөй жүрүп Тепсан тоосунун оозуна жетип келет. Аны ээрчиген миңге жуук адам соңунан нече күндөн соң анан жетише келет. Жолдо азыктары түгөнүп, кайберендерди кармап жеп араң тирүү калышат. Баш оона айында зорго Журхайга жете келишет. Ал жерде өз кошуунга кошулуп, ал жерден араба-улоо менен Чаңжу аймагына жетип калышкан. Ал ордого келип падыша менен көрүшкөндө, Кубилай падыша ага кийим-кече, азык-оокат берген.

Йуан тарыхы, 169-ором

 Жөн баян 56

 Лыйу Кара баатыр баяны

Лыйу Кара баатыр Хыдуңдук киши, өз заманынын атактуу эмчиси болгон. Кийин мансап кармаган. Жыйуан жыл санагынын 27-жылы (1290-жылы) Лыйу Кара баатырдын мансабы көтөрүлүп, чоң эмчи деген атак берилип, Хыдуңдун Саншы аймагынын (Хан) дорголук милдетине коюлат. Ошондо ал мындай дейт: «Мен көп жолу согушка катышып жүрүп келдим. Кийимдеримдин тамтыгы калбады. (Мен бара турган жер) менин өз айылым. Буулум кездемеден кийим берсеңиздер айылыма бажоо кийинип алып, оорактуу барайын» – деп өтүнүч коёт. Анда падыша Шизу (аты Кубилай) сары жол баскан буулум кийимин ага берет. Ал ошол жерде эки жыл турганда аны кайра чакыртып кетет. Падыша Шизу (Кубилай) ага мындай дейт: «Мына ушул жерден түндүк жакка барсаң, Найан деген байыркы бир жер бар. Ал жер эми Абалак деп аталат. Ал жердин балыгы аябай көп, ошол жерге бир калаа курдум. Ал жерде аз, капканас, кыргыз деген үч эл жашайт. Ал шаардын атын Жавжу (баш аймак) деп атадык. Ал жерге эми сен барып, дорго болуп турасың. Анан дагы айтар сөз, сенин ылакап атыңы Бала ажыдаар десек бекен дейм, болбосо Кара баатыр боюнча боло берсин, өзүң тандап көрчү» – дейт. Анда ал: «Бала ажыдаарга мендей бир карапайым адамыңыз тең боло албайт, Кара баатыр эле дей берсеңиз экен» – деп жооп берет. Падыша ага дагы торкодон кийим, акак баскан кемер кур жана беш миң акча берип жолго салат. Ал барган соң калаа ичинде базарды бекемдеп, элди кабатырсыз жашатат. Күнүнө тогуздан балык кармайт. Ал ар бир балыгы тогуз чейректен чыгат экен да, аны элчи жиберип падышага тартуу кылып турат экен.

Ху Чженхуа

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨ

Кытай элинин улуу тарыхчысы Сы Мачян (жаңы эрадан илгерки 145–86-жылдар) тарабынан жазылган «Тарыхнама» деген китебинин бир жүз онунчу бабында «Хундар тезкиреси» деген бир бап бар, мында хундардын тарыхын тааныштырат. Хундардын кытай тарыхый китептеринде биринчи көрүнгөн каганы Туман Теңрикут (Тоуман Чанйү, жаңы эрадан илгерки 214–210-жылдары каган болгон) болот. Анын уулу Баатыр Теңрикут (Маодун Чанйү, жаңы эрадан илгерки 210–174-жылдары каган болгон) каган болгон кезде «гекүн мамлекетин» (кыргыз мамлекетин) Хун кагандыгынын бийлигине моюн сундурган. Бул окуя жөнүндө «Тарыхнама» деген китепте ачык жазылган турбайбы. Төмөнкү материалды окуп чыгалык: «Андан кийин ал (Баатыр Теңрикут) түндүктө Гунлу (Хунйү), Көжек (Чуше), Түрк (Диңлиң), Кыргыз (Гекун), Синлилердин (Синли) мамлекеттерин басып моюн сундурду. Ошону үчүн хундардын ак сөөктөрү жана улуу мансаптары Баатыр Теңрикутту даанышман деп ага баары моюн сунушту» (Тарыхнама 2893-бет, кытайча) (1).

Мында «кыргыз» деген наам жалгыз гана этноним деп каралбастан, балким, ал да байыркы кыргыздардын мамлекетинин аты болуп эсептелет. Дүйнөдө мындай абал көп, мисалы кытай улутунун Ханзу (Хан улуту) дейбиз, тарыхта Хан деген кагандык (Хан династиясы – Хан мамлекети) болгон, анын эли да негизинен Хан улуту болгон. Демек, Хан доорунда кытай мамлекетинин, кытай улутунун аты бирдей болуп баары Хан аталган.

Сы Мачян өзүнүн китебинде жогоруда айтылган окуянын качан болгонун ачык жазбаган болсо да, бирок ал Хан кагандыгынын Хан Син деген бир бегинин Хан кагандыгына каршы чыгып, Хундарга багынып калган окуя менен тең убакытта болгон деп жазган.

Эми биз бек Хан Хундарга багынган убакытын «Тарыхнаманын» 93-бабы «Ченши тезкиресинен» таптык. Китепте мындай деп жазылган: «Хан Гаозу (Лю Баң) доорунун 7-жылы бек Хан Син каршылыкка чыгып, Хундарга кетип калды…» Хан Гаозу доорунун 7-жылы жаңы эрадан илгерки неченчи жыл болот деген суроого жооп берүүбүз үчүн төмөндөгү таблицага караңыздар.

Хан Гаозу доорунун жетинчи жылы жаңы эрадан илгерки 200-жылы экен. Демек, Хундар байыркы кыргыз мамлекетине кол салып баскан убакыты жаңы эрадан илгерки эки жүзүнчү жыл болду. Эми байыркы кыргыздардын дагы да алгачкы мамлекетинин дүйнөдө бардыкка келген убакыты дагы да белгилүү. Биз байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнө эки миң эки жүз жыл болду деген корутунду чыгарууга илимий негизибиз толук! Кытайча

Хан Гаозу жыл доору

(жаңы эрадан илгерки

206–195-жылдар)

Баатыр Теңрикут доору

(жаңы эрадан илгерки

210–174-жылдар)

Илгерки 206

Илгерки 205

Илгерки 204

Илгерки 203

Илгерки 202

Илгерки 201

Илгерки 200

Илгерки 199

Илгерки 198

Илгерки 197

Илгерки 196

Илгерки 195

1-жылы

2-жылы

3-жылы

4-жылы

5-жылы

6-жылы

7-жылы

8-жылы

9-жылы

10-жылы

11-жылы

12-жылы

Илгерки 210

Илгерки 209

Илгерки 208

Илгерки 207

Илгерки 206

Илгерки 205

Илгерки 204

Илгерки 203

Илгерки 202

Илгерки 201

Илгерки 200

1-жылы

2-жылы

3-жылы

4-жылы

5-жылы

6-жылы

7-жылы

8-жылы

9-жылы

10-жылы

11-жылы

«Таңжылнамасы» деген тарыхый китепте Кыргыз кагандыгы жөнүндө илимий материал дагы да көп. (2) Акырында мен Сиздерге жаңы эранын 1-846 жылдарынын ичинде Кытай тарыхындагы Таң кагандыгынын императору Ли Ян тарабынан Кыргыз каганына жазган бир салам катынын фото көчүрмөлөрүн ала келдим. Бул катты ошол императордун Ли Дейү деген вазири жазган. Кытайда «Ли Дейү чыгармалары» деген көөнө китеп бар. Анда кыргыздар жөнүндө материал бар. Албетте, башка кытайча тарыхый китептерде кыргыз жөнүндөгү материалдар өтө көп. Жаш тарыхчылар кыргыз тарыхын терең изилдөө үчүн менимче классикалык кытай тилин (байыркы заман кытай тили) үйрөнүүбүз керек.

  1. Хаканьсы Хагас (Кыргыздар). Хагас – байыркы Гиньгун мамлекети. Ал Хаминин батышында, Харшардын түндүгүндө, Ак тоолордун жанында жайгашкан. Айрымдар бул мамлекетти Гюйву жана Гейгу деп аташат.

Калкы динлиндер менен аралашып кеткен. Хагас аймагы бир мезгилде хунндардын батыш чегин түзгөн. Хунндар аларга багынып берген кытай кол башчысы Ли Линди батыш Чжуки князынын даражасына көтөргөн, башка кытай аскер башчысы Вей Люйди динлиндерге падыша койгон. Кийинчерээк Чжичы Шаньюй Гуньгундарды багынтып, анын чыгыш Шанью ордосунан 7000 ли батышка, чешыдан түндүктү көздөй 5000 ли аралыгында туруп калган, андыктан бул өлкөнүн ээлери Хагасты жаңылыш Гйегу жана Гйегйесы деп аташкан. Элинин саны бир нече жүз миңге, кошуну 60000ге жетет. Түштүк-чыгышка карай түз эле Хойкус ордосуна чейин 3000 ли деп эсептелинген, түштүккө карай Тань-мань тоосуна чейин созулган.

  1. Хагас күчтүү мамлекет болгон: ээлеген жеринин аймагы боюнча тукшелердин жери менен тең. Тукшенин башчылары кыздарын алардын башчыларына беришкен. Чыгыш тарабы Гулиганга, түштүк тарабы Тибетке, түштүк-батыш тарабы Гэлолуга чейин созулган.

Вын Шың

БАЙЫРКЫ ЗАМАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР

Кыргыз улуту – байыркы улут. Алар эң башында Энесай дайрасынын бойлорунда жашаган, тарыхта «жиенкүн», «чикүн», «шиягас», «кыргыз», «буйрут» деген наамдар менен аталган. Бирок байыркы кыргыздар кандай жашаган, үрп-адаттары кандай эле, диний ишеними кандай болчу? дегендерди билүүчүлөр көп эмес. Ошого, биз бул жерде байыркы кыргыздардын турмушунан кээ бир барчаларды гана тааныштырып өтөбүз.

Оошуу жолунда өсүп-жетилүү

Тарыхтын узун агымында кыргыздардын көп убакты оошуу менен өттү. Жаңы эрадан мурдагы II кылымда эле мамлекетибиздин түндүгүндөгү байыркы кыргыздар динлиң, уйсун уруулары менен биригип, хунндардын бийлигин оодарып таштап, хунндарды батышка карай кечүүгө аргасыз кылды. Бул кезде бир бөлүк кыргыздарда батышка көчкөн хунндар менен бирге батышка оошуп келди. Эң алгач Теңир-Тоонун түштүгүнө оошуп келген байыркы кыргыздардын көпчүлүгү ошол доордогу уйту мамлекети (азыркы Акчий) жакка келип конду. Бул кыргыздардын тунгуч иретки оошуусу болуп саналат.

Жаңы эранын VII–VIII кылымдарына келгенде, байыркы кыргыздар мамлекетибиздин түндүгүндөгү «жан саны 100 миң, аскери 8 түмөн» күчтүү урууга айланып, Таң каганатынын түндүктөгү акжолтой жер зымынына айланды. Бул кезде кыргыздар өзүнө кооп туудуруп жаткан уйгур кагандыгын талкалап, уйгурларды батышка оошууга аргасыз кылды.

Уйгурлардын батышка оошуусу байыркы кыргыздардын жайгашышына жана бир ирет таасир көрсөтүп, бир бөлүк кыргыздар жана уйгурлар менен батышка оошуп, Орто Азия, Теңири-Тоо тараптарга келди. Бир бөлүгү Балкаш көлү тарапка көчүп кетти. Мына бул тарыхта кыргыздардын экинчи ирет оошуусу.

Миң каганатынын акыркы жылдары жана Чин каганатынын баштапкы жылдарында кыргыздар жунгар моңгулдары менен узунга дейре каргашалуу согуш алып барды, Россия бул жагдайдан пайдаланып Энесай өрөөнүндөгү кыргыз районуна бастырып кирип, кыргыздарга ырайымсыз бийлик жүргүзүп, кыргыз тарыхындагы чоң аламанчылык жана чоң оошууну келтирип чыгарды.

Бул иретки чоң оошуу эки кылымга дейре созулуп, сыздак, оваа кесели жана согушту ала жүрүп, өтө түйшүктүү жагдайда болуп жатты. Оошууда кыргыздардын адам жана малы көп өлүп, мүлкү көп зыянга учурап, улуттук күчү жолтоого жолукту. Бул оошууда кыргыздар бүткүл уруусу менен ата-журтунан айрылды. Кыргыздардын оошуусу себептүү мамлекетибиз түндүктөгү кең жер зымынынан ажырап калды. Батышка оогон кыргыздар Алтай, Жунгарды басып өтүп, эң акырында Теңир-Тоонун түндүк жана түштүгүндөгү Иле, Кашкар жана Орто Азиядагы Ташкент, Фергана ойбуту менен Памир бийиктигиндеги Каракорум тоо райондоруна келип конду. Мына булар – бүгүнкү Кызылсуу кыргыз автоном областындагы кыргыздар жана советтик Кыргызстандагы кыргыздарды өз ичине алат. Азырка чейин кыргыздардын арасында ата-журтун сагынып айткан «Көчмөн ыры» таралып жүрүүдө:

Кырга чыккан кырк кайыңда так жокпу?

Кылыч шилтеп, кыргыз балта чаппаган.

Кырка тарткан өзөн, жылга сай жокпу?! Кыргындарда кыргыз каны акпаган.

Узакка созулган оошуу жолундагы жапаа машакаттуу турмуш кыргыздардын баатыр, кайраттуу, күжүрмөн, карапайым мүнөзүн жетиштирип гана калбай, ал эми кыргыздардын Ата Мекенди сүйүү, Ата Мекенге ак жүрөк болуудан таптаза, кирсиз улуттук махабатын ого бетер өөрчүттү.

Байыркы кыргыздардын турмушу

Тарыхта кыргыздар баштан-аяк көчмөн мал чарбачылыкты негиз кылып, айыл чарбачылык менен аңчылыкты кошумча алып келген болсо да, узактан бери көп ирет оошуп келгендиктен, табигый жаграпиялык жагдайлары жана турмуш жагдайлары бирдей болбоду. Ошону менен бирге кыргыздар башка уруулар жана улуттар менен бирге жайгашып, бирге жашап, бири-бирине сиңип жана таралып келгендиктен өндүрүш формасы, турмуш үрпадаты, диндик ишеними жагында ар башка улуттардын жөрөлгөлүү касиеттерин кабылдап, доор жана жагдайдын өзгөрүшүнө шайкешип, ары өзүнүн өз алдынча улуттук салт-санаасын түзүп чыкты.

Таң каганаты доорунда Энесай дайрасынын жогорку агымында жашаган кыргыздардын мал чарбачылык жана аңчылык турмушу жалпы жагынан мындай болгон:

«Учу-кыйырсыз кең жайлоодо төрт түлүк май жайнап жатты. Бийик бойлуу чалыш атка минген малчы башында тебетей, жонунда ичик, колунда камчы, жайлоодогу малын аралап чапкылап жүрдү. Кыштын күнү аңчылап жаа жебесин асынып, темир айрысын кармаганча, кушун алып, тайганын артка салып, көз жеткис жайлоодо аң алып жүрдү; багышчылар себетин жонго асынып, балык сайчу айрысы менен Энесайдын бетиндеги музду көзөп балык кармашты. Кечте аң алып, балык кармап кайткан кыргыздар жалаң ат менен төө минип калбай, топ-тобу менен чанага түшүп, муз менен кардын үстүндө куштай сызып оюн-тамаша менен келишти».

Таң каганаты доорунда кыргыздардын ичинде байкедейлик айырмасы өтө чоң, катмарлык түзүүнү катуу болду, кийим-кечекте да асыл-пастык айырмасы болду. Ак сөөктөр, кайырма кырлуу чокчойгон учтуу алтындан зээр баскан калпак кийсе, карапайым букаралар кайрыксыз жасалгасыз жөнөкөй калпак кийишти. Бул кездеги кыргыздар жана кал коюу, «терисин гүл чийүүгө өнөкөттөткөн». Эркектер эрдигинен этине гүл чийдирген, кыздар күйөөгө чыгарда мойнуна кызыл кал койдурушкан. Буларды эркектердин эрдиги жана кыздардын күйөөгө чыккандыгынын белгиси кылышкан.

Бул кезде Энесай боюнда жашаган кыргыздардын маданий турмушу абдан өнүктү. Күндөрү шибер-тулаңга чогулушуп, алыстан төө ойнотушуп чабандестик өнөрүн көрсөтүштү. Айлуу түндө алас-буласты чөйрөлөп отуруп, чоор-чалып, кыяк тартып, комуз чертип, коңгуроо кагып, кубанычын билдирип черин жазышты.

Таң каганаты доору кыргыздардын гүлдөгөн доору болуп, бул доордогу коомдук үрп-адат, маданий турмуш кийинче кыргыздардын улуттук түзүлүшүнө өтө чоң роль ойноп, абдан зор таасир көрсөттү. Йван каганаты дооруна келгенде, кыргыздардын өндүрүшү жана турмушу да илгерилеп өнүктү. Йван каганаты Люхавлини кыргыз районунун жергиликтүү бийлигине дайындады. Люхавли Чыгаалы деген уйгурду Энесайга чакырып барып, кыргыздын айыл чарбачылыгын өнүктүрүүгө, кампа салышына жардам берди жана мамлекетибиздин түштүгүнө ханзуларды алып келип, кыргыздардын сугат иштерин өнүктүрүшүнө жардам берди. «Йван тарыхында»: «Андагы букаралар карапа (сапал) бышыруу жана темир эритүүнү билбейт эле, суусунда кеме кайык болбойт эле, Люхавли ордосуна уста чакырып элге үйрөтүп, эмики күнү адатка айландырды» – деп жазылган. Бул кездеги кыргыздар кыйла алдыңкы эгинчилик техникасы жана кол өнөрүн үйрөнүп кана калбай, кеме, кайык жасоо жана аны пайдаланууну үйрөнүп, өндүрүш менен турмушка жаңы мазмун, форма кошту.

Ошентип Йван каганаты доорунда кыргыздардын турмушуна, аз болбогон жаңы мазмундар кошулуп, аз болбогон жаңы техника кыргыз районуна таралып кирген болсо да, тыптынч турмуш өнүгүп жаткан өндүрүш Россиянын баскынчылыгы себептүү бат эле бузгунчулукка учурады. Улут боюнча оошуу, жагдайдын өзгөрүшү менен сугат, кайык, кеме жасоо – пайдалануу техникалары ташталып кана калбай, кыргыздардын ата-бабасынан мурас болуп келген жазуусу – «руник жазуусу» да ташталып калды.

Чың каганаты доору – кыргыздардын улуттук турмушу, үрп-адаттарынын түзүлүшүндөгү ачкычтуу доор болду. Бул доордо кыргыздар Энесай дайрасы боюндагы кенен жана жайык жайлоодон айрылып, Памир бийиктигиндеги залкар тоолордо жашады. Турмуш жагдайы өзгөргөндүктөн, үрп-адат жана диндик ишенимдерде да өзгөрүш жасалды: Кеме-кайык менен байланышы түзүлдү, ат менен төө эң оңтойлуу каттоо ролу болуп калды. Энесайдагыдай чана менен тоо арасында куштай сызууга мүмкүн болбой гана калбастан, ал эми жарым карыш да жылууга мүмкүн болбоду. Чана өздүгүнөн ташталып калды. Ал түгүл мурдагы төрт дөңгөлөктүү бала арабасы да жаңы турмуш жагдайын эки ажына шайкеше албай, далыга көтөрүп жүрүү жана даракка асып коюуга ыктуу болгон тери бешик анын ордун ээледи. Тоодо балык кармоо деген жок болсо да, бирок кыргыздар балыктын атын түбөлүк унута албастан, балык жылы туулган кыздарына такыр «Балык кыз» деп ат коюшту. Бийлик тоо, калың токойдо укурук менен мал айдоо оңтойсуз болгондуктан, аны таштап тоголок ташты – салмоорду өздөрүнүн эң жакшы куралы кылды. (Малчы бала шилтеген замат кичинекей таш ыргып барып серкенин мүйүзүнө тийди да, багып жүргөн малы анын оюндагыдай кыймылга келди). Аңчылар жаа менен жебени таштады, уу мылтык андан жакшы болду. Балык териси менен этин жаап жүрүүчү турмуш келбеске кетти. Алар андан жакшы тери жүнгө иш кошуу өнөрүн өздөштүрүп, кездеме токуп, чепкен согуп, калпак жана «түк жасады, жүн кездемеден тигилген кийим-кече жана орто кытай мейкиндигинен айырбаштап алып келген товар дүрдүн кыргыздардын кийим-кечесин жана да жаңылап, турмушуна жана да жаңы түс берди.

Чың каганаты доорунда кыргыздар «буйрут» деп аталды. «Буйрут» жунгарча тил болуп, «бийик тоодогу малчы» деген мааниде. Бул наам кыргыздардын турмуш жагдайы жана мал чарба өндүрүшү менен байланыштуу болуп, бул доордо бийик тоолордо жашаган кыргыздар мамлекетибиздин батыш районундагы атактуу шаарлар – Кашкар, Иле, Үчтурпан шаарларын мал чарба тү шүмдөрү, аңчылык түшүмдөрү менен негизги камдоочуларга айланды. Чың доорундагы атактуу акын Хуңляңжы чың каганаты доорундагы кыргыздар менен башка улуттардын өз ара соодасын чыныгы сүрөттөп мындай ыр жазган:

Как асмандын боорунан, Келсе бирөө төө минип Бир-бирине кабарлайт.

Келди «буйрут» деп энтигип, Келгенде алар шаарга Жүз миңдеген мал айдап. Калаар эле батыш жол, Үч күнгүчө бекилип.

Байыркы кыргыздардын маданияты

Түркү тилинде сүйлөй турган улуттардын ичинде кыргыздар эң байыркы улуттардын катарына кирет. Тарыхый материалдарга тарыхчылар, илимпоздор, изилдөөч үлөрүбүздүн изилдөө караштарына негизделип сүйлөг өнүбүздө: кыргыз эли мындан бир канча жыл илгери азыркы батыш Сибириянын Энесай дарыя бойлорундагы жана Теңир-Тоо этектеринде жашаган эң байыркы улут болуп, кыргыздар өзүн тарыхый доорлор ичинде өзүнүн адал эмгеги, акыл-ой менен өз тарыхын, коомун, маданиятын жараткандан башка, кытай жана азия коомунун маданиятын жаратууда, ошондой эле Ата Мекенибиз кытайдын азия мейкиндигин түзүүдө да эң олуттуу салымдарды кошуп келген улут экендиги кыйла кеңири баяндалат.

Ал эми мамлекетибизде жазылган тарыхый маалыматтарда жана чет мамлекеттик окумуштуулардын жазма эстеликтеринде түркү тилиндеги улуттардын ичинде эң абал жазуу иштеткен улут кыргыздар экендиги айтылат. Мисалы: Франциялык илимпоз Шавас, даниялык Фелёт, Томсон деген адамдардын карашынча «Жаңы эрадан кийинки V кылымда кыргыздар «роник» жазуусу деген жазууну колдонгон. Бул жазуу орхон-энесай жазуусу же болбосо байыркы түрк жазуусу деп аталат. Бул жазуу кийинчерээк кыргыздар аркылуу түрктөргө, карлыктарга, уйгурларга тараган. Түрктөр, уйгурлар бул жазууну (жаңы эрадан кийинки VIII кылымда) колдонгон. Буга караганда кыргыздар түркү тилинде сүйлөшө турган улуттар ичинде эң алдыңкы маданиятка ээ улуттардын бири деп айтууга болот» делет. Жана Американын аскер тилчиси Карнес өзүнүн «Дүйнө тилдери» деген эмгегинде: «Биздин билгендерибизге негизделгенде эң байыркы түркү улут – кыргыздар болуп эсептелет. Алардын жазма эстеликтери жаңы эрадан 200 жыл мурда эле бар болгон» – дейт. Мындан башка мамлекетибиздеги тарыхчыларыбыздан жолдош Анвар Байтур өзүнүн тарыхый эмгектеринде, байыркы Энесай кыргыздары жаңы эранын V кылымынан баштап кадимки парсиянын арамай жазуусуна негизделген 40 тамгадан турган бир түрдүү жазуу колдонгондугу, ошондой эле байыркы кыргыз жазуусу менен жазылган таш жазма эстеликтер Кыргызстандагы Талас өрөөнүнүн тегерегиндеги айры таш, алтабай, тамой, кызыл жыра, элегеш, токмок сыяктуу жерлерден табылгандыгы жөнүндө бир кыйла далилдүү маалыматтарды берет.

Байыркы кыргыздардын колдонгон жазуусу ошол тарыхый доордогу өздөрүнүн коомдук турмушундагы нерселерди тамгалар аркылуу сүрөттөө негизинде жаралгандыгын байкоого болот. Мисалы: «I» тамгасы жаанын огунун (жебенин) турпатына негизделип жасалган. Муну «ок» деп окуган. Кыргыздын боз үйүнүн көрүнүшүнө карап «А» тамгасын жараткан. Бул тамганы «эп» деп окугандан башка «үй» деп да окуган ж.б. Өз кезинде кыргыздар бул жазууну бака бут жазуусу деп аташкан экен. Бул жазууну кыргыздар ислам динин кабылдаганга чейинки аралыкта колдонуп, жаңы эранын XIV кылымынын алгачкы жылдарында кыргыздар байыркы Энесай жазуу сун таштап, чагатай жазуусуна көчкөн.

Кытайчадан которгондор Жумак КАДЫР, Капар БЕКИР

 

Хан Ру Лин

ЮАН ДООРУНДАГЫ КЫРГЫЗДАР ЖАНА КОҢШУ УРУУЛАР

Кыргыз урууларынын чыгышка көчүшү

Юан доорунда орто түзөң районунан көптөгөн кол өнөрчүлөр менен дыйкандар – кыргыздар, Кемкем областына көчүп келип, өнөр кесип, дыйканчылык, өндүрүш курулушун алып барышкан жана көптөгөн кыргыз баштаган уруулар Күн чыгышка көчүп келишкен.

«Чыңгыcхан доорунда Ормонкут ороңку элинен чыккан Сол кол кошуундан Миңбашы удайчы деген болгон. Чынгыcхан доорунан соң, удайчынын балдары өз кошуунун башташып Бурханхолдун деген жерде чектелген өрөөндөгү Чынгыcхандын ыйык мейитин коргоп турушкан, аларга согушка катышпайт, алиге чейин дагы эле ушул сөөктү коргоого жумшалып турат».

«Бул уруу жана ушул удайчынын тукумдары миң түтүн жүрүш баштап Бурханхолдунга жайгашкан ыйык мазарды коргоого көндүм болушкан».

Кобулайдын энесине энчиленген жердин кышкы турагы Ороңку менен кыргызда болгон. Алтай тоосундагы жазгы турактын аралыгы үч күндүк, кыргыз менен Алтай тоосуна жанаша эле. Ороңкулар башка кыргыздар менен коңшу урууларга окшош эле, Ормон элине таандык. Ошого «Тарых жыйнагы. Уруулар санжырасы» Ормондогу ороңкулар деген тароону ус, төлөңгүт, кыштымдарга улай эле тизет. Бул уруу аябай көп таралган, эң чыгыштагы бөлүгү Бархуджин районундагы ойрот, булгачын, келимчин урууларынын чектерине улашат. («Тарых жыйнагы.

Уруулар санжырасы» баргы бөлүгү).

Удайчы коргогон мазар район, ханзу тарых материалдарында «күймө[1] узатуу колоту» деп аталган. Чыңгысхандан кийинки Юан сулаласынын падышаларынын сөөгү коюлган жер. «Юан сулаласынын купуя тарыхы» 1240-жылы жазылган, Чыңгысхандын казасынан (1227жылы) ары 13 жыл аралык өткөндө, жазылган жер Керулең өзөнүнүн такыр аралы болгон. Автор 89-тароодо Чыңгысхандын үйү «Бурхан Холдун тоосунун алды Гуренилгу тоосунун ортосундагы Сангур арыкчасы алдына жайгашкан» – деп баяндайт. Сангур өзөнү Керулен өзөнүнүн сол тарамы болуп, Чыгыш меридиан 109дун чыгышына туура келет, түндүктөн түштүккө карай агып Керулен өзөнүнө куюлат. Анда Кеңирсиген Кент тоосунун арасындагы Бурхан Холдун Сангур өзөнүнөн анча алыс эмес болчу. Ормон арасындагы оронкулар коруган ыйык жер, түркчө «корук» делет. «Карататар өмүр баянында» «Тэмужиндин мүрзөсүнө жебе жанчылып курчалып аттуу чарлоочулар коргойт» делген. «Өсүмдүктөрдө» Юан сулаласы падышаларынын табыт сандыктары «удул түндүк гөрүстөнгө апарылып терең көмүлгөн соң, түмөн жылкыны каптатып, жерди тегиздеп, көктөп болгон соң коргонуу токтоткон» делген. Кытай менен чет элдерге жазылган эстеликтер окшош болгону менен, Чыңгысхандын кабыры коруучу жер экени жөнүндөгү көз караш бирдей. Миң сулаласынын баштабында Нанжиндин Зыжын тоосуна эрекче кабыра кароолдору коюлуп, Жу Юан Жаңдын мүрзөсүнүн төгөрөгү бир канча он чакырымга чейин корголгонун көрсөк, күймө узатуу колотунун жагдайын эске алсак болот.

«Моңгулдардын келип чыгышы жана таралышы» жана «Алтын топчурда» Чыңгысханды жерлегенде «сегиз ак үй» жасалган. Ал тооп кылуучу жана түлөө өткөрчү жай болгон делет. Юан доорундагы моңгулча, ханзуча, парсча тарыхый булактарда мындай эстеликтер жок. Абулгазы Чыңгысхан «Сегиз тегеректе» Чоң хан деп жарыяланган дейт, бу дагы Миң доорундагы уламыш. «Юан тарыхы» 74-түрмөк, «Түлөө өткөрүү санжырасы». «Падыша бутханасында»: «Жу юандын алгы жылы, падыша бутханасы сегиз бөлмөгө бекитилди: «Эсукей, Чыңгысхан, Окудай, Жучу, Чагатай, Толуй, Гуё, Мөнкөлөрдүн ар бирине бирден бөлмө ыйгарылган». Моңгул бийлөөч үлөрү орто түзөңдө саясый бийликтен тайып, түндүк чөлгө кайта кайрылган кездерде, Чоң Борбордогу (Хан балык) тоопканаларды көчүрүп кетүүгө аргасыз кылган, аталмыш «Сегиз ак чатыр» Юан хандыгынын падыша бутканаларынын түндүк талаадагы модели же XV кылымдын соңку мезгилдеринде Таянхан моңгулдарды бирдикке келтирген соң көчүрүп тургузган, же жана ордоско жаңы курган. Ошого Таянхан, Далайсун катарлуулар сегиз ак чатыр алдында такка отуруп, ата арбагын сыйлаганын билдирип, улуу Юан падышаларынын жосундарына мурастык эткен. «Моңгулдардын жаралышы жана таралышы» сыяктуу китептерде жаңылыш боюнча таралган, чындыкка жанашпайт. Тек коргоочу райондун коруучулары ороңкулар дегени эч бир өзгөрүүсүз айтылып келүүдө. Бирок оронкулар коргогону «Падышанын алтын казынасы» дегени ишеничсиз. Ордостогу хан коштуусу бүгүнкү күндө Эженхоро кошуусуна өзгөртүлдү. Тьян Чиңбо Эженхорону «падышанын короосу» деп которуу керек, ал «казык менен курчалган чатыр» моңгулча «короо» менен «хорону» салыштырып, бул «Хоро» дегени өз кезиндеги Ормон эли оронкулар коруган коруктан өзгөрүп келген болсо керек дейт. Чыңгысхандын кенже иниси Темигочинге энчиленген жер Монголиянын Чыгыш түндүгүндөгү эң ыраак жер болгон. Болжолдо бүгүнкү Сонхуажьяндын баш агары Нын-жьяң агыны райондоруна туура келет. Жыюандын 24-жылы Очкиндин чебереси Наян саткындык кылып, үч ай аралыгында кармалат. 28-жылы Наяндын калдыктары Журжандарга кирип, түштүк-түндүктөгү Журжандар менен Актатарларды чаташтырып, ушуга байлайт. 30-жылы Юан падышалык өкүмөтү Наян турган жерде Жавжов базарын курат. «Юан тарыхы» 169-түрмөк «Лю Хара баатыр баянында», «чоң атасы Кара баатырга: «Наяндын жери абалыдан балык чыгат, мен аны шаар кылып ус, ханханас, кыргыс үч уруу элди тургуздум, шаар Жавжу аталды, сен барып тескөөчү бол» – дейт.

Юан доорундагы Жавжуну кээ бирөөлөр Жилиндин Шуаңчың шаарына чектеш Жүр тоосунда дешсе, кээ бирөөлөр Лалин өзөнүнүн Сонхуа Жьяңга куймасында дешет. Жилин музейканасы да Анчың шаарынын 10 километрдей Чыгыш түштүгүндөгү Бейшаң Тайзы кыштагынан казып чыгышкан Таху шаарынын («Маданий эстеликтер» 1964-жылы, 46–48-бет) географиялык ордунан караганда Юан, Миң эки доордогу почто жолундагы Жавжу ушу болгон. («Йонлы чоң жыйнагы» 19422-түрмөк, 12-бет; 19426-түрмөк, 2-бет; «Льяв дуң шежиреси» 9-түрмөк, «тышкы шежере», Хайши шилу бекети). Ушул жерге көчүп келген кыргыз баштаган үч уруу эл. Миң доорунун баштабында Чыгыш түндүктө тургузулган ороңкулардын үч кароолу менен тыгыз байланышта болгон.

Кыргыз баштаган үч уруунун чыгышка көчкөнүн, Хэ Чью Тав, Ли Вын Тьян, Хоң Жун сыяктуу окумуштуулар изилдешкен, Жапониялык Жэнныйхын «Ороңку үч кароолунун аталышын изилдегенде» деген эмгегин жазган. Корутундусунда үч кароолдун ханзуча аталышы менен моңгулча аталыштары өз ара шайкешпейт, ал жөндүү эчтеме айтылбаган. «Хуан Миң эстелигинде» Хонвунун 22жылы, «май айынын сегизинчи күнү эртең менен Тай ниң, Доян, Фую үч кароол команданы Ороңкуда тургузулду… Торгочор доян кароолунун командачысы болду» делген үч кароолдун аталышынын ханзучасы менен моңгулчасы окшошпойт. «Согуш дайындыгы жөндүү» жана «Эл алдында эсиңе ал» деген китептердин котормо бөлүгүндө ханзуча аталмалардын алдына моңгулча тыбыштык котормосу эскертилген: «Тайниң – Ваңлы, Фую-Ож, Доя» – улаган. Биз моңгулча, ханзуча аталыштарды өз ара салыштырсак, үч кароолдун ханзуча аталышы жер аттары, моңгулча аталыштары уруу аты экенин оңой эле биле коёбуз.

Тайниң – Ваңлы. Тайниң Юан, Миң доорлорундагы кербенчилер конолгосу, Юан кезиндеги тайжовтардын түндүгүнө 140 чакырым келет, мурунку мезгилдерде Тайлайдын батыш түндүгүнөн 80 чакырым Тазы шаарынан Тайжов эстелик ташы (Хэйлоңжьяң музейинде сакталуу) табылган. Миң доорундагы Тайниң кароолу так ушул жерде болгон окшойт («Йоңлы Чоң жыйнагы», 19416-түрмөк, «Конолголор» 2, 2-бет; «Льявдоң шежереси» 9-түрмөк, «тышкы санжыра» Хайти Шилу конолгосу).

Ванлы, «Жазмаларды жалгап изилдөөдө» Ваңлу деп алынган, булар «Алтын топчурдагы» «Ваңдын адамдары» деген болот. Бул сөздүн жасалышы «дуудуунун адамдары» менен окшош. «Юан тарыхы» 21-түрмөктө айтылышынча Зоң Дадынын 9-жылы 7-айда Тотого караштуу кыргыздарга беш ай аштык берилген, Очкиндин небереси Тото Льяв-нун Ваңы деп белгиленген, бул кыргыздар, албетте ошого караштуу букаралар болгон.

Фую – Ож. Жиң доорундагы Пую аймагы бүгүнкү Хэйлоң, Жьяң өлкөсүнүн Үйөр өзөнүнүн агарында болгон; Миң доорунун баштабында Фую кароолу да ушул жерде болушу керек. Льяв, Жиң доорлорунда Чыгыш түндүктө даңдуу бир уруу «Уждар» болгон. Юан доорунда «Ож» деп аталган, доорлор окшобогондуктан тыбышталышында окшобой калган. Жиң Нуң «Чыгыш түндүк жалпы тарыхында» (329-бет) «Жазмаларды изилдөөгө» негизи Зоң Тай Зоң «Оштор шаары Фую мекемеси Бохай мекемесинин бектерине жарлык түшүрдү» деген үзүндүнү алган. Ошту «Ож», фуюну «Фую» деп карасак, анда миң доорундагы Фую кароолу Льяв доорунан баштап эле ождор турактанган жер болот.

Доян – улаган. Кытайлар жана жат элдердин тилмечтигинде доян кароолунун командан атаман «Торгочорнама» жазылган болуп, котормолору анык эмес. Кытай китеп мекемеси үтүр-чекит коюлуп басылган «Юан тарыхы» 88-түрмөктү текшерип бекиткенде моңгулча китептегини азыркы кытайчага которгон: «Орлонхан токой букаралары, мамлекет ээси Чыңгысханга багынган соң, күнү бүгүнгө чейин Доян өндүрүнөн, Со өзөнүнөн айрылышкан жок». Доян өндүрдү окумуштуулар Сүйөрчү тоосу деп, Со өзөнүн бүгүнкү Зор өзөнү деп карашат. Миң доорундагы Хайщи Шилу конолгосунун эң акыркы аялдамасы Уранхэ ушул жерде болгон. Уранхэ деген Оронку. Менин карашымча ушу бир бөлүк «Орланхан токой букаралары», Чыңгысхандын зыйратын коргоочулар эмес, кайра Жыюандын 30-жылы Чыгышка келген кыргыз баштаган үч уруунун урпактары. Миң доорунун баштабында тургузулган Доян, Тайниң, Фую үч кароол Оранхайда болгону үчүн, Ороңку үч кароолу аталып кеткен. Ушундан көрүп алууга болот.

Юан Миң доорлорунда Ороңку деген аталманын колдонулушу аябай кеңири болуп, кыргыздар жана аларга коңшу уруулардын орток аталышы болуп калган.

Мындан тышкары кыргыз, Кемкем, Жут адамдарынын чыгышка көчкөн жерлери көп эле болгон. Кобулайдын соңку жылдары (1293-жылы) «Кыргыздардын 700 түтүнү Хэсыхы деген жерге отурукташат». Хэсыхы деген Каскан, Льявдуң жарым аралы, Льяв Йаңдын түштүк жагы, Льяв-Жиң доорлорунда Гэскан аталган Хэсыхы деген так ошол жер.

«Юан тарыхы» 88-түрмөк, «Мансаптар шежересинде»: Хайши, Льявдуң, Каскан катарлуу жерлерге ормокойлордун (ормокойлор – тарыхта кытайлар батыш түндүктөгү аз элдердин орой-чарайына карай ушундай аташкан) өнөрпоздору келип конуштанды.

Чэленков түмөн түтүн мекемеси Каскан, Жавжу, Доян өндүрдөгү (Ороңху) 4 миң түтүн ормокойлордун өнөрпоздорун башкарат делген, ушул жерлердин бардыгы кыргыздардын конушу болгон.

Юанжындын алгы жылы Жиңшан (бүгүнкү Бэйжин шаарындагы Янчин) тоосундагы кыргыздарды Шандуңга көчүрүп барып, айдоо жер жана үй берген; Юан доорунун соңунда өткөн Яңюнун «тоолук тургундар жөнүндөгү жаңы уламыштар» деген китебинде: «Жиан Жо бүгүнкү Нанчыңдын Жианжо конушундагылар, кыргыздардын урпактары» дейт. Мындай болгондо, азыркы орто түзөңдөгү кытайлардын арасында сөзсүз алардын тукумдары бар болгон болот. Кыргыз, Кэм-Кем Жут райондорунда кол өнөрпоздор өтө кемчил болгон, ошого Чыңгысхан бул жерлерди каратып алган соң Орто түзөңдөн көптөгөн кол өнөрпоздорду көчүрүп барган. Жыюандын 2-жылы Кемкем жуттун көптөгөн тургундарын Ордо-Балыкка (бүгүнкү Бэйжин, Жыюандын алгы жылы Ордо Балыкка, 9-жылы Хан Балыкка өзгөртүлгөн) көчүргөн. 7-жылы Кемчиктеги өнөрпоздорду Соңшан тоосуна (бүгүнкү Чифын ооданынын түштүгү) көчүргөн, бул мүмкүн Кэмчиктеги кытай өнөрпоздорун кайра орто түзөңгө кайтарып келгендик болсо керек.

Кытай тилинен которгон Жаанбай АСАНАЛЫ

[1] Күймө – улукзаадалар олтурган калкалуу араба.

Ө. Караев

БАЙЫРКЫ ТҮРК ЭСТЕЛИКТЕРИ ЖАНА

АРАБ-ПЕРС АВТОРЛОРУ КЫРГЫЗДАР ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЖӨНҮНДӨ

Макалада байыркы түрк тилиндеги эстеликтердин табылышы, окулушу жана изилдениши, орто кылымдардагы айрым араб-перс авторлорунун эмгектери, алардын кыргыздар, Кыргызстан жөнүндөгү маалыматтарынын мазмуну жана мааниси жөнүндө баяндалат. Кээ бир адабий булактардан кыргызчаланган үзүндүлөр да келти рилет.

Орхон-енисей түрк алфавити VI–VII кылымдарда пайда болуп, X–XI кылымдарга чейин колдонулган. Бул ба йыркы руникалык жазуу негизинен чоң-чоң таштарга, асканын жылмакай беттерине жана кой таштарга чегилген. Мындан тышкары майда буюмдардын беттерине жазылгандары да белгилүү. Алардын басымдуу көпчүлүгү Хакассия, Тува, Алтай, Монголия, Или жана Кыргызстандын аймагынан табылган. Байыркы руникалык жазууну Борбордук жана Орто Азияда жашаган түрк элдери пайдаланышкан.

Адегенде табышмактуу ташка чиймеленген бул жазуулар жөнүндө биринчи кабар XVII кылымдын аяк чендеринде Түштүк Сибирден келген. 1721–1722-жылдары данциг натуралисти Д. Мессершмидт жана швед офицери Табберт (Страленберг) Енисей өрөөнүнөн таштарга, күзгүнүн сыныктарына жазылган эстеликтерди табышкан. Алар аны биринчи жолу рун жазуусу деп аташкан. Мындан кийинки мезгилдерде окумуштуулар, краеведдер жана саякатчылар Енисей, Саян, Тувадан көп сандаган руникалык эстеликтерди табышып, алардын көпчүлүгүн 1877-жылы уюшулган Минусин музейине өткөрүшкөн.

1889-жылы Н. М. Ядринцев биринчи жолу Орхон өрөөнүнөн (Монголия) чоң таштарга чегилген көп руникалык эстеликтерди тапкан. Алардын копиясын В.В.Радл ов башчылык кылган атайын экспедиция тартып келген. Монголиядан чоң баалуу рун жазууларын Д.А. Клеменц,

Е. Н. Клеменц (1883–1895), Г. Рамстед (1909) жана В.Котвич (1912) ачкан. Бул эстеликтер табылган өрөөндөрдүн атынан орхон-енисейлик же байыркы түрк жазуулары деп аталып калган.

1893–1898-жылдары краевед В.А. Каллаур, жергиликтүү мугалим Гастев жана Г. Гейкель башчылык кылган финэкспедициясы Талас өрөөнүнөн байыркы түрк жазууларын табышкан. Октябрь революциясынан кийин рун эстеликтерин табууга С.В. Киселев, Л.А. Евтюхова,

Л.Р.Кызласов, С.Г.Кляшторный, Д.Ф. Винник жана Ч. Жумагуловдун иштерин айрыкча белгилөөгө болот, 1893-жылы даниялык окумуштуу Б. Томсен жана орус түркологу В. Радлов орхон-енисейлик эстеликтердеги табышмактуу тамгаларды биринчи жолу окушкан. Алардан кийин бул байыркы түрк жазуу эстеликтерин изилдөөгө П.М. Мелиоранский, С. Е. Малов, И.А. Батманов, В.М.Насилов, А.Н. Кононов, Н.А. Баскаков, Л.Р.Кызласов, С.Г.Кляш торный, Д. Д, Васильев, Ч. Жу магулов ж.б. көп эмгек сиңиришти.

Байыркы түрк эстеликтерин С. Е. Малов «Памятники древнетюркской письменности» (1951), «Енисейская письменность тюрков» (1952) жана «Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии» (1959) деген эмгектеринде жарыялаган. И. А. Батманов Енисей региону боюнча жаңы жана мурунку табылган эстеликтерди кайрадан тактап окуп чыгып, аларды «Памятники древнетюркской письменности Тувы» (1963–1965) деген үч жыйнакта жарыялаган. «Орхон-Енисей тексттери» аттуу коллектив жазган монографияда (1982) биринчи жолу орусча-кыргызча котормосу берилип, ал эстеликтердин фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык өзгөчө лүктөрү да каралган. Көп сандаган окумуштуулардын эмгектери орхон-енисей жазууларынын айрым маселелерине арналгандыгын айта кетишибиз керек. Байыркы түрктөрдүн бул эстеликтерин изилдөөдө Ю.Немет, Г.Рамсстедт, В.Банг, А.Габен, Т.Текин, Д.Клосон, А.Аолто сыяктуу чет өлкөлүк илимпоздордун сиңирген эмгектери да чоң.

Бул рун эстеликтерин ким жазгандыгы жана алар кайсы түрк урууларынан экендиги белгисиз. Енисейден табылган №24 текстте «Муну жазган Анцыя эле» деген гана бир сүйлөм кездешет.

Ал эми орхон-енисей эстеликтеринин тили жөнүндө ар кандай ойлор айтылып келе жатат:

В. Радлов – алар байыркы түрк тилинде жазылган;

В. Банг – көк түрктөрдүн тили;

С. Малов – жалпы стандарттуу эпитафий-руникалык тил;

А. Кононов – огуз тилдеринин жазуу эстелиги;

Н.Баскаков – бул жазуунун тили монолиттүү болгон эмес, анда бир нече тил камтылган;

И. Батманов – уруулардын ортосундагы жалпыланган тил;

С. Кляшторный – балким, бул тилдин алгачкы негизи ашина (түрк) диалектикасы болуп, кийин түрк каганатынын мамлекеттик тилине айланган чыгар.

Орхон-енисей жазуусунун чыгышы жөнүндө да ар кандай пикирлер бар. Алардын ичинен Н. Аристовдун ою боюнча Орхон рундары түрктөрдүн тамгаларынын негизинде пайда болушу мүмкүн. Ал жазуунун системасында Енисейдеги эзелтен бери колдонулуп жүргөн тамга белгилердин бар экендигине тарыхчы С. В. Киселёв да күнөм санабайт. Айрым окумуштуулар бул жазууда идиографиялык мотив бар деп эсептешет, анткени «ай» деген сөздүн жаралышы жарым ай түрүндө, «ок» деген сөздүн жазылышында жаанын огу сыяктуу белгилердин болгондугуна көңүл бурушат. В. Радлов, П. Мелиоранский, С.Ма лов жана И. Батманов өңдүү түркологдор Енисейдеги жазуулар Орхондогу рундардан алда качан мурун болгондугуна күнөм кылышпайт.

Айрым көрүнүктүү түркологдордун пикири боюнча енисей эстеликтери кыргыздарга таандык болгон. Ал жөнүндө С. Е. Малов мындай деп жазган: «Зор авторитет акад. В. В. Радлов жана проф. В. Томсендин артынан енисей эстеликтери кыргыздарга таандык эмес деп эсептөөгө менин эч кандай себебим жок». Бул орхон-енисей эстеликтерин биринчилерден болуп изилдеген залкар түркологдордун айткандарын көмүскөгө калтырышыбыз керек эмес. Азыркы кыргыз жана ага жакын тектеш тилдердин рун эстеликтеринин тилинен айырмалай турган фонетикалык, грамматикалык жана лексикалык белгилери Енисей доорунан кийин пайда болду деген ойду кийинки кезде түркологдор баса көрсөтүүдө.

Азыр кыргыз, тува, хакас жана башка түрк элдеринин тилинин тарыхын изилдөөдө орхон-енисей эстеликтеринин тилдик фактылары негизги фундамент болот.

Бул рун тексттеринде байыркы түрк, түргөш, карлук, кыргыз жана уйгур каганаттарынын ички-тышкы саясаттары, алардын башкаруучу ак сөөктөрүнүн иштерин даңазалоо, VI–VIII кылымдарда Енисей, Саян-Алтай, Монголияда жашаган элдердин тарыхына тиешелүү баалуу маалыматтар бар. Төмөндө алардан эки үзүндү келти ребиз.

Тон-ёкукка арналган эстеликтен (текст):

«Артыкча Кыргыз күчтүү каган жообуз болду. Ал үч каган ойлошуп (сүйлөшүп) Алтын-Жышта кабышалык (биригелик) деген, ошондой (сүйлөшүштү). Чыгышта Түрк каганына карай кол жөнөтөлүк, ага каршы согушпасак, кандай болсо да ал бизди (жеңет)».

Могилян канга арналган эстеликтен:

«Жыйырма алты жашымда чик журту кыргыз (менен) бирге жоо болду. Кем (суусун) кече (кечип), чиктерге карай жортуулдадым. Үрпөндө согуштум, колун жанчтым (талкаладым), Аз (журтун) элин алдым, багындырдым. Жыйырма жети жашымда кыргызга карай жортуулдадым, найза батымынча карды жиреп, Көгмөн жыш тоосуна чыгып, кыргыз элин уктап жатканда бастым. Каны менен Суңа согуштум. Каганын өлтүрдүм, элин анда алдым. Ал жылы түргөшкө карай Алтын жышты ашып, Эртис (Иртыш) дарыясын кечип жортуулдадым (Орхон-енисей тексттери. Фрунзе, 1982–87, 107-бет). Бул тексттеги тарыхый окуялар 709–710-жылдары болгон. Анда экинчи Чыгыш Түрк мамлекетинин аскер башчысы Тон-ёкук жана кагандын уулу Могилян кышында Саян тоосун ашып, түн ичинде чабуул жасап, бейкут жаткан енисейлик кыргыздарды багындырган. Бул жана башка алар катышкан саясий окуялар Тон-ёкуктун (716-жылы каза болгон) жана Митиляндын (735) бейитинин үстүнө коюлган ташка чегилген. Мындан орхон-енисей эстеликтеринин авторлору өзүлөрү катышкан же уккан чындык окуяларды чеккендигин жана андагы маалыматтардын түрк элдеринин тарыхын изилдөөдөгү зор маанисин көрүп турабыз.

Араб тилинде жаралган тарыхый-географиялык чыгармалардын өнүккөн доору IX–X кылымдарга туш келет. Бул мезгилдерде ондогон саякатчылар жана географтар Орто Азия, Казакстан жана Чыгыш Түркстандын аймагында болушуп, өзүлөрү көргөн же уккан маалыматтардын негизинде көп сандаган эмгектерди жазып калтырышкан. Азыркы күнгө чейин сакталып келген алардын китептеринен Жети-Суу, Борбордук жана Батыш Тянь-Шандын физикалык-географиялык шарты, андагы жашаган калктын саясий түзүлүшү, кесиби, тили, маданияты, дини, шаар-кыштактары, соода жолдору жөнүндө кызыктуу маалыматтарды окуй алабыз.

Араб авторлорунун ичинен Кыргызстандын тарыхына тиешелүү эң алгачкы кабарды Тамим ибн Бахрдын күндөлүгүнөн кездештиребиз. Анын өмүр баяны жөнүндө маалымат жок. Тамим VIII кылымдын II жарымында Чыгыш Түркстанга жасаган саякатында Жогорку Барсхандын (Ысык-Көлдүн жээгинде) аймагында сегиз шаар жайгашкандыгын баяндайт.

Тамимдин кенже замандашы Табари 839-жылы Табаристандын (Каспий деңизинин түштүк жээги) Амул шаарында ирандык ак сөөктүн үй-бүлөсүндө туулган. Ал бир топ шаарларга барып билимин өркүндөткөн. Табари өзүнө сунуш кылынган кызматтардан баш тартып, бүт өмүрүн илимге арнаган. Ал 923-жылы Багдад шаарында дүйнөдөн кайткан. Табари өзүнөн мурун жазылган бир канча тарыхый булактардын негизинде 20дан ашык эмгектерди жараткан. Алардын ичинде анын көп томдон турган «Тарыхы» көрүнүктүү орунду ээлейт. Анда биздин доорго чейин келип жетпеген бир канча авторлордун эмгектеринен алынган тарыхый баалуу үзүндүлөр бар. Ленинграддык арабист В. И. Беляев Табаринин «Тарыхынан» Хорасан (Ирандын түндүк-чыгыш бөлүгү) жана Орто Азияга тиешелүү маалыматтарды иргеп орус тилине которуп чыккан. Жакында анын бул жыйнагы окурмандарга тартууланды (История ат-Табари, Ташкент, 1987). Анда VIII кылымда Кыргызстандын аймагында болуп өткөн айрым саясий окуялар жөнүндө кабарлар бар. Алсак, ордосу Невакет (азыркы Кемин районундагы Орловка айылы) шаары болгон түргөш каганы Сулу Орто Азияда араб баскынчыларына каршы күрөшкө активдүү катышкан. Ошондуктан ал «сүзгөнчөөк, түрткүнчөөк» деп аталып калган экен. Ал жөнүндө Табаринин «Тарыхынан» үзүндү келтиребиз:

«Хакандын менчигинде чабынды талаасы жана корук тоолору бар эле, аларга эч ким жакындоочу жана аң уулоого батына алчу эмес. Алар (атайын) согуш максатына сакталган. Чабынды талаанын кеңдиги үч күндүк (жол), тоолордогу коруктар (да) үч күндүк (аралыкка созулган). Адамдар (согушка) даярдана башташты, (алар) малдарын жайытка чыгарышты, аң уулоодон өлтүрүлгөн айбандардын терилерин ашатып, алардан идиштерди даярдашты, мындан башка жааларды жана жебелерди жасап киришти. Хакан токулган атын жана бир койду алып келүүнү буюрду, аны (койду) барчалап бөлүп (сүрсүтүү үчүн) илгичтерге илишти. Андан кийин хакан бир канча көлөмдө туз алып, аны баштыгына салып, куруна кыстарып алды. Ал ар бир түрккө ушундай кылууну буюруп мындай деди: «Арабдарды Хутталдан жолуктурганга чейин бул силердин жол азыгыңар (болот)». (История ат-Табари. Ташкент. с. 242).

Алгачкы араб географтарынын бири Ибн Хордадбех 820-жылы Иранда ак сөөктүн үй-бүлөсүндө туулган жана жакшы билим алган. Ал ар кайсы жооптуу административдик кызматтарда иштеген. Маселен, Жибаль провинциясында почтанын начальниги болуп иштеп, өлкөнүн ичкитышкы абалы менен жеткиликтүү кабардар болгон. Ибн Хордадбех бир канча эмгектерди жараткан. Бирок алардын ичинен «Мамлекеттер жана жолдордун китеби» («Китаб ал-масалик ва-л-мамилик») гана биздин доорго чейин сакталып калган. Бул эмгек 846–847-жылдары жазылып, ал 885–886-жылдары кайрадан иштелип жана толукталып чыккан. Анда Орто Азиянын шаар-кыштактары жана соода жолдору жөнүндө маалыматтар бар. Ибн Хордадбехтин жазганы боюнча Самарканд тараптан Кыргызстандын түштүк аймагында – Куба, Ош, Өзгөн, Ат-Башы (азыркы Кошой-Коргон калдыгы) жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги Барсхан шаарлары аркылуу Чыгыш Түркстанга карай соода жолу өткөн. Ал эми Самарканддан чыккан түндүк соода жолу Шаш (Ташкент), Исфиджаб (Сайрам), Тараз (Жамбыл), Мерке, Невакет, Боом капчыгай аркылуу Барсханга келген. Ибн Хордадбех түрк элдеринин тизмесинде кыргыздарды да атап кеткен. Автор 1912-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын кол жазмасы француз тилиндеги котормосу менен 1889-жылы басылып чыккан.

Ибн ал-Факих Хамадан шаарында туулган. Өмүр баяны тууралуу кабарлар жок. Ал 902–903-жылдары бизге толук келип жетпеген «Мамлекеттер жөнүндө маалыматтар китебин» («Китаб ахбар ал-булдан») жараткан. Анын бул эмгегин 1022-жылы Али аш-Шайзары деген бирөө кайрадан иштеп кыскарткан, 1923-жылы Мешхед шаарында Ибн ал-Факихтин китебинин экинчи бөлүгүнүн толук редакциясы табылган. Анда түрк урууларынын аттары, Орто Азиянын шаар-кыштактары жана соода жолдору жөнүндө маалыматтар бар. Ибн ал-Факих Ибн Хордадбехтин эмгегин пайдалангандыктан алардын Кыргызстандын тарыхый-географиясы тууралуу жазгандары окшош. Ибн ал-Факихтин Али аш-Шайзары кыскарткан китебинин варианты 1885-жылы басылып чыккан.

Кудама ибн Жафар Басра шаарында чиновниктин үйбүлөсүндө туулган (жылы белгисиз). Ал почта начальниги, текшерүү ведомствонун башкаруучусу болуп иштеген. Кудама бир канча эмгектерди жазган. Алардын ичинен биздин доорго чейин «Жер налогу китеби» («Китаб алхарадж») гана келип жетти. Бул эмгек болжол менен 928-жылдары жазылып, ал автор жогорку аталган кызматтарда иштеп жүргөн мезгилдердеги чогулткан официалдуу материалдарга жана мурунку тарыхый булактарга негизделген. Кудама ибн Хордадбех пайдаланган булактар менен жакшы тааныш болгон. Ошондуктан алардын тарыхый-географиялык маалыматтары окшош. Бирок Кудама ибн Жафар Орто Азиянын (анын ичинде Кыргызстандын) аймагындагы соода жолдорун Ибн Хордадбехке караганда толугураак сүрөттөгөн. Кудаманын китеби 1889-жылы жарыяланган. Андан Чүй өрөөнү боюнча кеткен жол жөнүндөгү маалыматтын котормосун бер ебиз:

«Куландан (азыркы Кулан станциясынын жанындагы уранды) бай кыштак Биркиге (азыркы Мерке) чейин 4 фарсах (бир фарсак 6–7 км. туура келет). Биркиден Куландын ээн талаасындай болгон талаа менен Аспарага (Ашпара) чейин 4 фарсах. Аспарадан чоң кыштак Нузкетке чейин 8 фарсах. Нузкеттен чоң кыштак Харранжуванга чейин 4 фарсах. Харранжувандан чоң кыштак Жулга чейин 4 фарсах. Жулдан чоң кыштак Сарыгга (азыркы Красная речка урандысы) чейин 7 фарсах. Сарыгдан түрк хаканынын ордосуна (Ак-Бешим урандысы) чейин 4 фарсах, андан Кирмиравга – 2 фарсах. Кирмиравдан Невакет (азыркы Орловка айылынын айланасында) шаарына чейин 2 фарсах. Невакет шаарынан чоң кыштак Бенжикетке чейин 2 фарсах. Бенжикеттин бир тарабында дагы кыштак бар. Невакет чоң шаар, андан Барсханга (Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде) чейин 15 фарсахка созулган жол кетет. Ал жол Ракаб деп аталат (Араб географтарынын библиотекасы, VI т., 1889, 205–206-б.б.).

Борбордук Ирандык географ Истахринин өмүр баяны жөнүндө маалыматтар жок. Ал 930–933-ж.ж. «Мамлекеттердин жолдору тууралуу китебин» («Китаб мисалик ал-мамалик») жазып, аны 950-жылы кайра редакциялап чыккан. Бул эмгек Орто Азиянын тарыхый-географиясы боюнча баалуу булактардын катарына кирет. Истахри биздин доорго чейин келип жетпеген Балхинин (X к.) китебин толук пайдаланып, анын көп жерлерин кайра иштеп чыккан жана жаңы тарыхый окуялар менен толуктаган. Айтмакчы, бул эки автор Орто Азиянын аймагында болушуп, анын тарыхы, географиясы боюнча өзүлөрү көргөн же уккан материалдарды пайдаланышкан. Истахринин эмгеги биздин доорго араб жана перс тилдеринде келип жетти. Бул эки варианттын ортосунда айырма бар. Алардын «Мавераннахр» аттуу бөлүмүндө Орто Азиянын элдери, шаар-кыштактары, соодасы, кен байлыгы ж. б. жөнүндө маалыматтар жазылган. Анын ичинде кыргыздардын жашаган жерлеринин чек аралары, Кыргызстандын аймагындагы Некад, Миян-Рудан, Кидгал (Чаткал), Ош, Өзгөн, Медва, Хайлам, Селат, Хефтех, Урест сыяктуу шаар-кыштактары жана аймактары тууралуу тарыхыйгеографиялык мүнөздөмөлөр бар.

Истахринин эмгегинин араб тексти 1870-жылы, ал эми анын перс тилиндеги варианты 1961-жылы басылып чыккан. Алардын ичинен Орто Азиянын тарых, географиясына тиешелүү маалыматтар «Материалы по истории киргизов и Киргизии» деген жыйнакта (мындан ары караңыз: МИКК) орус тилине которулуп берилген. Төмөндө андан кыргызчаланган үзүндү келтиребиз:

«Андан кийинки шаар – Ош. Ал коргон менен курчалган кыймыл-аракеттүү шаар; анын ичинде сепил жана эмирдин ордосу бар. Шаар тоого туташ жайгашкан. (Тоодо) түрктөрдүн (кыймыл-аракетин) байкоо үчүн кароол жайы бар.

Узгенд (эгерде капырлар менен) согуша турган жерди карай (бара турган болсо) Фергана (өрөөнүнүн) акыркы шаары. Анын коргону, рабады (кварталы), сепили, агын суулары жана багы бар.

Ал эми кыргыздар болсо, алардын (жайгашкан) жери гуз менен кимактардын, океан менен хазраджийлердин жерлеринин ортосунда. Тибеттин жери (болсо) кыргыз менен Чин мамлекетинин ортосунда жайгашкан (МИКК, вып. I, М., с. 20, 25).

Ибн Хаукал Багдад шаарында туулган. Өмүр баяны жөнүндө маалыматтар жок. Ал 951–952-жылдары Истахри менен жолугушуп, анын эмгегин кайра иштеп чыгуу милдетин мойнуна алган. Ибн Хаукал өзү саякаттарда чогулткан материалдардын жана мурун жазылган булактардын негизинде Истахринин китебин бүт редакциялап, ага көп сандаган жаңы материалдарды кошкон. Ал эмгегин «Мамлекеттер жана жолдор» («Китаб ал-масалик ва-л-мамилик») деп атап, анын биринчи вариантын 952–967-жылдардын аралыгында, экинчисин 977-ж. бүтүргөн. Ибн Хаукалдын Орто Азиянын тарых, географиясы боюнча жазгандары Истахринин маалыматтарына караганда бир канча толугураак. Аны төмөнкү үзүндүдөн байкоого болот.

«Кубадан кийинки чоң шаар – Ош, анын көп элдүү медина жана цитадели (бар). Эмирдин сарайы жана түрмө цитаделде. Мединанын коргон менен курчалган рабады бар, алар түрктөрдү көзөмөлдөө үчүн кароол жайы бар тоого туташ (жайгашкан). Мединанын үч дарбазасы (бар): Тоо дарбазасы, Суу дарбазасы жана Мугкеде дарбазасы.

Мединанын дарбазалары бекемделген.

Узгенд (эгерде капырлар менен) согуша турган аймакты карай (бара турган болсо) Фергана (өрөөнүнүн) акыркы шаарларынын бири. Ал болжол менен Оштун 2–3 (аймагындай орунду) ээлейт. (Узгенддин) цитадели, бекемделген медина жана рабады бар. Базары рабаддын ичинде. Ал (Узгенд) түрктөр менен соода кылуучу пункт болуп эсептелет. Анын багы жана агын суусу бар. (Араб географтарынын библиотекасы, т. II, 394-б.)

Мукаддасы X кылымдагы араб географтарынын көрүнүктүү өкүлү. Ал 946–947-ж.ж. (ар бир мусулман жылы христиан жылына тушма-туш келбейт) Иерусалим шаарында туулуп, болжол менен 1000-жылы дүйнөдөн кайткан. Мукаддаси Мусулман мамлекеттеринин көпчүлүгүн кыдырып чыккан. Орто Азиянын аймагында да болгон. Мукаддасы саякаттарда чогулткан материалдардын жана Жахиз (IX к.) Жайхани (X к.), Ибн Хордадбех сыяктуу авторлордун китептеринин негизинде 985–986-ж.ж.«Мамлекеттерди таануу үчүн эң жакшылап бөлүштүрүү» («Ахсан ат-такасим фи маарифат ал-акалим») аттуу эмгегин жазып, аны 988–989-ж.ж. кайра редакциялап чыккан. Анын бул китебинин биринчи варианты борбору Бухара болгон Саманийлер мамлекетинин башкаруучуларына арналган экен. Андыктан Мукаддасинин Орто Азиянын тарых, географиясы боюнча жазган маалыматтарынын илимий мааниси чоң. Анын географиясынын «Хайтал» бөлүмүндө Ош, Өзгөн, Куба, Мискан, Жидгал (Чаткал), Насрабад, Жил (Барсхан, Шельджи, Сус, Текабкет, Орду, Баласагун сыяктуу Кыргызстандын IX–X кылымдардагы шаар-кыштактары жөнүндө тарыхый-географиялык маалыматтар бар. Андагы кабарлар башка авторлордун жазгандарына караганда толугураак берилген. Мукаддасинин эмгеги 1877-жылы басылып чыккан. Төмөндө андан үзүндү келтиребиз:

«Тараз (азыркы Жамбыл) – көп бактуу, жыш курулуштары бар бекем корголгон шаар. Аны тегерете курчаган аңы (жана) төрт дарбазасы бар. Анын рабадында калк жыш (жайгашкан), мединанын дарбазасынын жанынан чоң дарыя агып өтөт, ал дарыянын аркы тарабында жолдору бар шаардын бир бөлүгү жайгашкан. Мунаралуу мечит базарлардын арасында жайгашкан.

Жикиль-Тараздан (адамдын үнү менен бир) кыйкырык алыстыкта (орун алган) кичине шаар. Ал бекем корголгон, базардын ичинде мечити жана цитадели бар.

Барсхан Жикилдин чыгыш тарабында адамдын эки кыйкырык үн аралыгында жайгашкан шаар. «Анын сепили бузулуп, мечити базарлардын ичинде жайгашкан (Ахсан ат-такасим…, 1877, 274–275-б.б.).

Географ, акын жана саякатчы Абу Дулафтын өмүр баяны жөнүндө маалыматтар аз. Ал кызыл деңиздин жээгиндеги Ианбуй шаарында туулган. Кийинчерээк Орто Азияга келип, эмир Наср IIнин (914–943) ортосунда кызмат өтөгөн. Абу Дулаф 942-жылдын тегерегинде Бухарадан өлкөсүнө кайтып бара жаткан кытай элчилер менен Тянь-Шань тоолору, Чыгыш Түркстан аркылуу өткөн. Анда көргөн же уккан материалдардын негизинде эки бөлүмдөн турган «Запискасын» («Рисале») жазган. 1923жылы Мешхед шаарында анын толук нускасы табылган.

«Записканын» биринчи бөлүмүндө кыргыздардын тамак-ашы, дини жөнүндө кызыктуу маалыматтар бар. Мындан тышкары Борбордук Тянь-Шанда жана ЖетиСууда жашаган чигил жана карлуктардын турмуш-тиричилиги тууралуу да кабарлар жазылган. Абу Дулафтын «Запискасын» В. В. Григорьев жана П. Г. Булгаков орус тилине которушкан.

Орто азиялык атактуу окумуштуу-энциклопедист Бируни 973-жылы Хорезмдеги Кия шаарында туулуп, XI кылымдын орто чендеринде Газнада (Афганистан) дүйнөдөн кайткан. Ал көп сандаган эмгектерди жараткан, анын ичинен 27си гана бизге чейин сакталып келди. Алардын ичинен «Ата-бабалардын калтырган издери» («ал-Асар ал-бакийа ани-л-курун ал-халийа») 998–1010-жылдардын аралыгында жазылып, анда Орто Азиянын тарыхына, жашаган элдердин үрп-адатына, маданиятына арналган баалуу маалыматтар бар. (Абурейхан Бируни. Изб. произв., т. 1, перевод М. А. Салье, Ташкент, 1957). Автордун 1035–1040-ж.ж. жазылган «Масуддун таблицасы» («ал-Канун ал-Масуди») аттуу астрономиялык эмгегинде Орто Азиянын аймактары, шаарлары, кен байлыктары жөнүндө кызыктуу фактылар бар (Бируни. Собрание сведений… 1963). Маселен, кыргыздар жашаган жерлерде хуту даярдалган. Барсхан шаарында сейрек учурай турган металлдардын аралашмасынан казан, идиш-аяк ж. б. буюмдар жасаган.

Акын жана ойчул Жусуп Хас-Хажыб Караханийлер мамлекетинин борбору Баласагун (азыркы Токмок калаасынын туштүк тарабындагы Бурана аймагында) шаарында жашаган. Өмүр баяны жөнүндө маалыматтар жок. Ал 1069–1070-ж.ж. «Бактыны алып келүүчү илим» («Кутадгу билиг») аттуу поэмасын жараткан. Бул эмгек араб адабий булактарынын катарына кошулбайт. Бирок ал поэманын үч нускасынын экөө араб тамгасы менен жазылган. Анын бирөө (уйгур тамгасы менен) 1820-ж. Стамбул шаарында табылган, азыр Венанын китепканасында сакталып турат. Экинчи нускасы 1897-жылы Каирде табылган. Үчүнчү нускасы 1914-жылы Наманган шаарынан табылып, азыр Ташкенде Бируни атындагы Чыгышты таануу институтунда сакталып турат. Алардын фотокопия жана ксерокопиясы Кыргыз илимдер академиясынын китепканасына жана түркология секторуна алынып келинген. «Кутадгу билиг» аруз ыр өлчөмүндө, төрт адамдын ортосундагы диалог формасында, акыл-насыят түрүндө жазылган түрк тилиндеги биринчи чыгарма болуп эсептелет. Анда акын караханийлер мамлекетин жакшылап башкаруу маселесин чечүүгө аракеттенген. «Кутадгу билигдин» өзбек (Юсуф Хос Хожиб. Кутадгу билиг, Тошкент, 1971), орус (Юсуф Баласагунский. Благодатное знание, М., 1983) жана казак (1986) тилдеринде которулду. Азыр кыргызчаланган котормосу басылып чыкты.

Түрколог, тарыхчы, географ жана этнограф Махмуд Хусейн уулу Кашкар шаарында туулган. Анын атасы ЫсыкКөлдүн түштүк жээгиндеги Барсхан калаасында жашаган. Теги чигил болсо керек. Ал Караханийлер мамлекетинин түзүлүшүнө байланыштуу Кашкар шаарына көчүп барган.

Анын уулу Махмуд Кашкар Багдад шаарларынан билим алган. Ал араб жана бир нече түрк тилдерин жакшы билген. Орто Азия жана Казакстан боюнча бир канча жолу саякатка барып, келечектеги эмгектерине материалдарды чогулткан. Махмуддун «Түрк тилдеринин сөздүгү» («Диван лугат аттүрк») гана бизге бел ги лүү. Бул эмгек 1072–1074-жылдардын аралыгында түзүлгөн. Анда түрк элдеринин тилдери боюнча бай, баалуу материалдар чогултулган. Мындан тышкары тарыхый, географиялык жана этнографиялык маалыматтар да берилген. Махмуддун сөздүгүндө ЖетиСуу жана Тянь-Шань тоолору боюнча географиялык маалыматтар көбүрөөк кездешет. Төмөндө алардын аттарын келтиребиз: Яфгу-Арт, Куми-Талас, Занби-Арт, Арык-Торук, Ак-Сай, Ала, Аргу, Конгут, Кабуш, Торуг-Арт, КавакАрт, Бедел-Арт, Барсхан, Баласагун тоолору, Кара-Жылга, Жоон-Арык, Бай-Жыгач, Кара-Сеңир, Кыпчак, Ак-Терек, Ила, Сигун-Самур, Улуг-Талас, Баласагун, Атлык, Орду, Кочкор-Баши, Кенжек-Сеңир, Саплиг-Каяс, Урун-Каяс, Эки-Огуз, Чигил, Сулми, Жанбалык, Яңибалык, Узгенд, Ягма, Юлдуз-Көл, Көрүн-Көл, Азыраак-Суу, Ысык-Көл, Сизин Көл, Каз-Суу, Улуг-Кайкан, Тарың-Көл, Ябаку-Суу.

Махмуддун сөздүгүндө дүйнөнүн тегерек картасы бар. Анда ааламдын борбору катарында Ысык-Көл, Баласагун жана Кашкар көрсөтүлгөн.

«Диван лугат» 1915–1917-жылдары Стамбулда басылып чыккан. Бизде анын өзбек тилинде (Махмуд Кашгарий. Девану лугат ат-түрк, т. I–III, Тошкент, 1960–1963) котормосу бар.

Сельджук султандарынын врачы – Тахир Марвазинин өмүр баяны жөнүндө маалыматтар жок. Нисбасына караганда Мерв (азыркы Мары) шаарында туулган. Ал 1120жылы «Айбандардын табигаты» («Таба и ал-хайа-ван») аттуу зоологиялык эмгек жазган. Бирок анда мамлекеттердин, элдердин, алардын ичинде огуздар, түркмөндөр, ягмалар, карлуктар жөнүндө тарыхый маалыматтар бар. Марвазинин эмгегинин IX главасынын 4–5-параграфында кыргыздардын жашаган жеринин чек арасы, дини жана үрп-адаттары тууралуу жазылган. Востоковед В.Ф.Минорский «Таба и ал-хайавандын» айрым главаларын англисче котормосу менен жарыялаган. Окурмандарга андан үзүндү келтиребиз:

«Кыргыздар түрк элдеринин составына кирет. (Алар) түндүк-чыгыш менен түндүк тараптын аралыгында жашаган көп сандуу эл. Кимактар алардын түндүк, а ягма менен карлуктар болсо батыш тарабында жайгашкан. Куча жана Арк (алардын) түндүк-батышы менен түштүк тарабында орун алган. Кыргыздардын үрп-адаты (боюнча) каза болгондорун өрттөшөт, муну менен алар от өлүктөрдү тазалайт деп далилдешет. Бул алардын эзелтен берки үрпадаты болгон, бирок мусулмандардын коңшусу болгондон баштап каза болгондорун көмө башташты. Кыргыздардын арасында фагинун деп аталган бир жөнөкөй адам бар. Аны жыл сайын белгилүү бир күнү (атайын) чакырышып, тегерегине ырчы, чоорчу сыяктуулар чогулушуп ичип-тамактана башташат. Качан гана адамдардын көңүлү куунак болгон мезгилде, алиги (жөнөкөй) адам эс-учун жоготуп, шалк эте жыгылат. Мындан кийин андан быйылкы жылы кандай окуялар болорун сурашат, ал болсо түшүм болор, болбосун, жаанчылык (же) кургакчылык болорун айтып берет. (Адамдар) анын айткандарына ишенишет (В.Ф.Минорский, Марвази, Лондон, 1942, гл. IX, § 4).

Атактуу араб географы Идриси 1099–1100-ж.ж. Марокконун Суета шаарында туулган. Кордова шаарында билим алгандан кийин Европанын, Африканын жана Кичи Азиянын бир канча мамлекеттерин кыдырып чыккан. 1128-жылы Сицилияга келип, анын королунун тапшыруусу менен «Областтар боюнча саякаттан жапа тартканды, эриккенди жазуу» («Нузхат ал-муштак фихтирак ал-афак») аттуу географиясын түзүүгө киришкен. Идриси Орто Азия жана түрк элдери боюнча маалыматтарды Ибн Хордадбех, Кудама, Ибн Хаукал, Кимаки, Масуди ж.б. эмгектеринен алган. Мындан тышкары чыгыш мамлекеттерине барган же ал тараптан келген соодагерлер, саякатчылар айткан материалдарды да пайдаланган. Идриси эмгегин 1154-жылы жазып бүтүргөн. Анда жер шарынын географиясы 40 бөлүкчөгө бөлүнгөн, алардын ар бирине карта түзүлгөн. Идрисинин атласында Жети-Суу жана Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө хилхи, хазлажий жана карлук урууларынын жерлери тартылган. Ал эми китептин текстинде алардын үрп-адаттары, шаар-кыштактары жана саясий абалы жөнүндө кыскача мүнөздөмө берилген. Автор кыргыздарды Чыгыш Тянь-Шандын түндүк тарабына жайгаштырган. Алар жөнүндө да саясий жана географиялык кыскача маалыматтар бар.

Идриси 1164–1165-жылдары Сеута шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын географиясы 1592-жылы Римде басылып чыккан. 1836–1840-жылдары француз тилине которулган. Төмөндө кыргыздар жөнүндө үзүндү келтиребиз:

«Кыргыздардын (текстте хырхыр) мамлекети тушүмдү көп берүүчү жана саякатка көп баруучу (жер). Ал сууга бай өлкө. Анда Син чек арасынан агып келүүчү ар кандай дайралар бар. Бул дайралардын эң чоңу Манхар (же Манхаз) деп аталат. Ал көп суулуу жана шар агындуу дарыя. Кыргыздардын бул дарыянын боюнда тегирмендери бар, аларда күрүч, буудай жана башка дандарды тарттырышат, алардын ундарынан нан бышырышат же (тегирменге) салдырбай эле кайнатып жешет. Кыргыздардын падышасы жашаган шаар чыңдалган, бекем дубалдар, аңдар жана чоң тосмо менен курчалган. Бул шаардын жанында Асыл таштар (Жакут) аттуу жарым арал бар. Бул мамлекетте сандаган жылкыларды, өгүздөрдү жана койлорду асырашат. Аттары өтө семиз жана абдан кыска моюндуу келет. Аларды тамак-ашка пайдалануу үчүн бордоп байлашат. А өгүздөрдү болсо дайыма оор жүктөрдү ташып жеткирүү үчүн пайдаланышат. Кыргыздар каза болгондорун өрттөп, күлдөрүн Манхазга ыргытып жиберишет, ал эми бул дарыядан алыс жашагандар (өлгөндөрдүн) күлүн чогултуп, желге сапырып жиберишет». (Идриси. Китаб Нузхат, Рим, 1592, 170-б.).

Көрүнүктүү араб энциклопедисти Йакут 1179-жылы Кичи Азияда туулган. Кандайдыр бир окуялардын натыйжасында бала кезинде туткунга түшүп, аны сириялык соодагер сатып алган. Бирок соода ишинин муктаждыгына байланыштуу жакшы билим алган. Йакут кожоюну каза болгондон кийин боштондукка чыгып, китептерди чогултуу, көчүрүү, аларды сатуу ишин жүргүзгөн. Ал көп мамлекеттерде, алардын ичинде Орто Азияда саякатта болгон. 1229-жылы Сириянын Алеппо шаарында дүйнөдөн кайткан.

Йакут көпчүлүгү бизге келип жетпеген эмгектердин негизинде чоң көлөмдүү «Мамлекеттердин сөздүгүн» («Муджам ал-булдан») түзгөн. Андагы макалаларда географиялык аттарга түшүнүк берилген, алардын жайгашкан жери көрсөтүлгөн шаар-кыштактар, мамлекеттер жана андагы жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жазылган. «Муджам ал-булдан» (1866 – 1870-ж.ж.) басылып чыккан. Андан кыргыздар жөнүндө үзүндү келтиребиз:

«Андан кийин хирхиз деп аталган урууга келдик. Алар – таруу, күрүч, койдун, уйдун, эчкинин (төөнүкүнөн башкасын) этин жешет. Алардын сыйынуу үчүн храмы жана жазуу үчүн камыш калемдери бар. Алар акылдуулук жана зергектиктин ээси. Чырактарын өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Намаз окуган мезгилде айтыла турган ыр менен жазылган сөздөрдү колдонушат. Аларда мускус бар. Бир жылда бир нече майрамдашат. Алардын туусу көк. Намаз окуганда түштүк (тарапты) карашат. Сатурн менен Чолпон жылдызды урматташат, Марсты жаман жышаандык белгиси деп эсептешет. Бир гана алардын мамлекетинде чырактардын ордуна пайдалана турган, түн ичинде жарык берген таштар бар. Алар падышасына баш ийишет, ал 40 жаштан ашмайынча, анын алдында эч ким отура албайт. Биз алардын арасында коркунучсуз жана бейкапар бир ай (жол) жүрдүк» (Ф. Вюстенфельд. Муджам, III т., 1868, 448–449-б.б.). Йакут кыргыздар жөнүндөгү бул маалыматтарды Абу Дулафтын «Запискасынан» алган.

Тарыхчы ибн ал-Асир 1160-жылы Тигр суусунун боюндагы Жезират ибн Омор шаарында туулган. Мосул калаасында билим алган. Бир катар араб мамлекеттерин кыдырып чыккан. 1233-жылы же 1234-жылы Мосулда дүйнөдөн кайткан. Асир «Тарыхтын толук жыйнагы» («ал-Камил фи-т-тарих») аттуу көп томдуу эмгекти жазган. Ал Табаринин «Тарыхын» кыскартып, кайра иштеп өзүнүн китебине кошкон. Ал эми кийинки 1232-жылга чейинки окуяларды башка авторлордун эмгегинин жана өзү чогулткан материалдардын негизинде жазган. Асирдин «Тарыхында» караханийлер, кидандар, уйгурлар тууралуу жана монголдордун Орто Азияны басып алышы жөнүндө өтө бай маалыматтар бар. Автордун эмгеги бир канча жолу басылып чыккан. Кыргызстандын X–XIII кылымдардагы тарыхына тиешелүү үзүндүлөр орус тилине которулуп жарыяланган (МИКК, 52–76-б.б.).

Жамал Карши 1230–1231-ж.ж. Или дарыянын боюндагы Алмалык шаарында туулган. Анын атасы Баласагун калаасында диний кызмат өтөгөн. Карши бир канча жолу Орто Азия жана Казакстан боюнча саякат жасаган. Ал 1282-жылы Жаухари дегендин сөздүгүнө «Кошумча» жазган. Анда Караханийлер династиясынын генеалогиясы, алардын түпкү атасы Сатык Буура хандын (X к.) ислам динин кабыл алышы, Алмалык шаарынын башкаруулары, монгол хандары тууралуу маалыматтар бар. Каршинин эмгеги 1897-жылы табылып жарыяланган (В. В. Бартольд.

Түркестан, 1898, 12–152-б.б.).

XIII кылымдан кийинки араб авторлору өзүлөрү пайдаланган китептерге жаңылыктарды аз кошкон. Алардын ичинен Абу-л-Фиданын (1332–1406) «Адамзаттын уруусу тууралуу кыскача кабарларында жана Ибн Халдундун (1322–1406) «Насыяттар китебинде» Орто Азиянын тарыхы боюнча айрым жаңы маалыматтар кездешет.

Перс тилинде жазылган алгачкы эмгектердин авторлорунун бири Балами (X к.) Саманийлердин везири болуп иштегендиктен Орто Азиянын чыгыш тарабында жашаган түрк элдеринин саясий абалы менен жакшы тааныш болгон. Ал эмир Мансурдун тапшыруусу боюча 964-жылы Табаринин «Тарыхын» араб нускасынан перс тилине которуп, ага көп жаңы материалдарды кошкон. Анын биринчи бөлүгү 1961-жылы Тегеранда жарыя ланган.

Саманийлер везири Жайханинин колдоосу, материалдык жардамы менен жашаган жана иштеген Балхи (850–934) да Орто Азиянын түрк элдеринин саясий абалын жакшы билген. Ал мына ушунун натыйжасында «Климаттардын сүрөттөлүшү» («Сувар ал-акалим») аттуу географияны жараткан. Бизге анын Истахри редакциялаган варианты гана белгилүү. Жайхани (X к.) везирдик кызматына байланыштуу чыгыш (айрыкча Орто Азия) элдери боюнча чогулткан материалдардын негизинде «Жолдор жана мамлекеттер китебин» («Китаб ал-масалик ва-л-мамлик») жараткан. Бул баалуу эмгек биздин заманга чейин келип жеткен жок. Бирок андагы Орто Азиянын, түрк элдеринин тарыхы боюнча маалыматтарды Мукаддаси, Гардизи, Марвази, Идриси жана «Дүйнөнүн чек арасы» аттуу эмгектин автору пайдаланган.

982-жылы белгисиз географ тарабынан жазылган «Дүйнөнүн чек арасында» («Худуд ал-алам») түрк элдери, алардын ичинде кыргыздар жөнүндө баяндама көп. Бул эмгектин кол жазмасы Бухарадан табылып, 1930-жылы жарыяланган. Ал 1960-жылдары Тегеран жана Кабулда кайта басылып чыкты. Востоковед В.Ф. Минорский кеңири комментария менен англис тилине которгон. Биздин өлкөдө анын тажик тилиндеги котормосу бар («Худуд-улолам», Душанбе, 1983). Кыргыздар жана Кыргызстандын аймагында жашаган элдерге тиешелүү маалыматтар орус тилине которулган (МИКК, 35–45-б.б.). «Худуддун» автору Балхи, Истахри жана башкалардын эмгектерин пайдаланган. В. Ф. Минорскийдин пикири боюнча Ысык-Көлдүн жээгинде жана Борбордук Тянь-Шанда жашаган карлук, чигил, ягмалар жөнүндөгү маалыматтарды Жайханиден алган. «Худуддун» алгачкы алты главасында физикалык географияга мүнөздөмө берилген. Калган бөлүктөрүндө дүйнөнүн 52 аймагында жашаган элдердин кесиптери, дини, үрп-адаттары, соода иштери боюнча маалыматтар жазылган. Анын карталарындагы географиялык аттардын илимий мааниси чоң.

«Худудда» карлук, кыргыз, чигил, ягма, тухсийлерге бирден глава арналган. Андагы маалыматтар боюнча кыргыз эли Тянь-Шандан Саян-Алтай тоолоруна чейинки аралыкта жашашкан. Алардын бул аймакта көрсөтүлүшү Енисей кыргыздарынын IX–X кылымдарда саясий жактан күчөп турган дооруна туш келет. Төмөндө кыргыздар жана Кыргызстандын шаарлары жөнүндө «Худуддан» үзүндү келтиребиз: «Алардын байлыгынын (негизги тармагы) болуп хырхыз буюмдары, койлор, уйлар жана жылкылар эсептелет. Алар суулуу, кургак чөптүү, аба ырайы (ыңгайлуу) жана жашыл шалбаалуу жерлерди (издеп) көчүп жүрүшөт. Кыргыздар отко сыйынышат да каза болгондорун өрттөшөт. Алар боз үйлөр жана чатыр алачыктарда жашашат, аңчылык жана уучулук менен кесип кылышат.

Пенчуль (азыркы Синьцзяндын Аксу шаары – Ө. К.) – карлуктар жашаган аймакта (жайгашкан). Мурунку мезгилдерде анын башкаруучусу тогузгуздардан болгон, а азыр болсо аны кыргыздар ээлейт.

Тоң жана Талхиза – Ысык-Көлгө жакын, чигил менен карлуктардын чек арасындагы тоолордун ичинде жайгашкан эки кыштак. Калкы жоокер жана күжүрмөн (келет).

Барсхан – көл жээгиндеги асемдүү бай шаар. Анын башкаруучусу карлуктардан, бирок калкы тогузгуздардын таламын жакташат (МИКК, 41, 43-б.).

Хорасандык Бакрандын өмүр баяны жөнүндө маалыматтар жок. «Аалам тууралуу китебин» («Джахан-наме») дүйнөлүк картага түшүндүрмө катарында жазып, аны хорезмшах Текешке (1200–1220) арнаган. Буга караганда автор Орто Азияда болгон. Анын эмгегинде деңиздер, суулар, тоо-талаалар, кендер жана калк жашаган жерлер жөнүндө жазылган. Бакрандын географиясы 1960-жылы басылып чыккан. Анын кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхына тиешелүү маалыматтары орус тилине которулган (МИКК, 46–51-б.б.). Андан үзүндү келтиребиз:

«Искуль Туркестандын аймагында, Барсханга жакын (жайгашкан). Суусу башка жакка агып чыкпагандыктан аны Искуль деп аташат. Анын суусу жылуу суудай.

Мускус. Эң жакшы мускусту Хотандан алып келишет. Мындан кийинки эң жакшысын Тибеттен алып келишет, андан кийинкиси – татарлардыкы, анан – кыргыздардыкы, анан – кашмирдики, анан – деңиздики (МИКК, 47, 51-б.).

Гардизинин өмүр баяны жөнүндө маалыматтар жок. Кабулдун түштүк тарабындагы Гардиз шаарчасында туулган. XI кылымдын орто чендеринде «Кабарлардын жасалгасы» («Зайн ал-ахбар») аттуу эмгекти жараткан. Гардизи менен «Дүйнөнүн чек арасы» жана Марвазинин түрк элдери боюнча баяндамасы окшош келет. Муну алардын баары бизге келип жетпеген бир өңчөй китептерди пайдалангандыгы менен түшүндүрүүгө болот. Гардизи Орто Азиядан Тарбагатай, Алтай, Танну-Ола тоолору аркылуу енисей кыргыздарына баруучу жолду сүрөттөп жазган.

В.В. Бартольд анын түрк элдери жөнүндөгү текстин орус тилиндеги котормосу менен жарыялаган (В. В. Бартольд. Соч., т. VIII, 1973, 23–62-б.б.).

Нисавинин (XI к.) өмүр баяны жөнүндө маалыматтар жок. Ал Хорасандын Несеф шаарында туулган. Акыркы хорезм-шах Жалал ад-Динге кызмат кылган. Ага арнап «Султан Жалал ад-Дин «Манкубиртинин өмүр баяны» («Сират ас-султан Жалал ад-Дин Манкубирти») аттуу эмгекти жазган. Анда Жети-Суу жана Борбордук ТяньШанда караханийлер менен наймандардын өз ара күрөшү, Кыргызстандын аймагын монгол отряддарынын ээлеши жөнүндө баяндалат. Нисавинин китеби чыккан, андан Кыргызстандын тарыхына тиешелүү үзүндүлөр орус тилине которулган (МИКК, 77–98-б.б.).

Жувейни XIII кылымдын 20–30-жылдары Батыш Хорасанда туулган. Персиядагы монгол башкаруучуларында кызмат өтөгөн. Багдаддын наместниги болгон, 1283-жылы дүйнөдөн кайткан. Каракорумга саякатка барган мезгилде (1252–1253-ж.ж.), ага монгол басып алууларынын хронологиясын жазуу иши сунуш кылынган. Жувейни ар кайсы булактардын, айрыкча оозеки уламыштардын негизинде «Дүйнөнү жеңип алуучунун тарыхы» («Тарих-и жахангушай») аттуу эмгегин 1260-жылы аяктаган. Анда Чынгысхандын Орто Азияны жана Енисей кыргыздарын каратып алгандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Жувейнинин китеби басылып чыккан. Бирок алиге чейин которула элек.

Тарыхчы, адабиятчы жана врач Рашид ад-Дин 1242жылы Хамаданда туулган. Персиядагы монгол хан Газандын везири жана биринчи кеңешчиси болгон. 1318-жылы Олдайту ханды уу берип өлтүргөн деген күнөө менен дарга асылган. Рашид ад-Дин 1300–1311-жылдардын ичинде чоң көлөмдүү «Летопистердин жыйнагын» («Жами аттаварих») жазган. Аны түзүүгө бир топ авторлор жардам берген. Бул эмгектин биринчи китебинде түрк элдеринин генеалогиясы жана Енисей кыргыздарынын XII кылымдагы тарыхы боюнча баяндамалар бар. «Жами -ат-таварих» басылып чыккан жана орус тилине которулган (Рашид ад-Дин, Сборник летописей, т. I–III, М., Л., 1946–1960).

Шаминин өмүр баяны жөнүндө маалыматтар аз. Ал Табриз (Иранда) шаарынын жанындагы Шами аттуу жерде туулган. Тимурдун сарайында кызмат өтөгөн. Анын тапшыруусу боюнча 1401–1403-жылдары «Жеңиштер китебин» («Зафар наме») жараткан. Шами бул эмгекти официалдык кагаздардын, Тимурдун өзүнүн же окуяларга күбө болгондордун айткандарынын негизинде жазган. Тимур Жети-Суу, Чыгыш Туркестан, Иртыш өрөөнүнө чейинки аймакта жашаган Могулистан мамлекетин каратып алуу үчүн бир канча жолу жортуул уюштурган. Андагы окуялар жөнүндө Шаминин китебинде баяндалган. «Зафар наме» 1937-жылы басылып чыккан, андан Могулистандын тарыхына тиешелүү маалыматтар орус тилине которулган (МИКК, 101–111-б.б.). Төмөндө Талас–Чүй өрөөнүндө болгон окуя жөнүндө үзүндү келтиребиз:

«(Тимур) эмирзаде Омар-Шейхке Ак-Буга-бахадур, Хитай-бахадур жана ардактуу эмирлер менен (Камар ад-Динди) издеп, мүмкүнчүлүк жана алдын келишинче аракет кылып аны кармоого буюрду. Алар анын (Тимурдун) буйругу боюнча жөнөшүп, аны Каратоодо кууп жетип, салгылашууга киришти. Алар акыр аягында аны (Камар ад-Динди) жеңип кууп жиберишти да анын жеринен сансыз олжо жана туткундарды алып келишти. Тимур алар келгенден кийин кайтадан дагы жортуулга чыгып, эми Мухаммад, Аббас-бахадур жана Ак-Буга-бахадурду авангардга жиберди. Алар буйрук боюнча жөнөшүп, Ысык-Көл – Боомунда Камар адДинге жакындап келишти. Эрдик менен согушуп, алар аны дагы бир жолу качып кетүүгө аргасыз кылышып, аймакты бүлүндүрүп кайтып келишти (МИКК, 105-б.).

Натанзинин өмүр баяны жөнүндө маалыматтар аз. Ал Исфахан аймагынын Натанз кыштагында туулган. Адегенде Тимурдун небереси Искендердин, андан кийин Шахрухтун сарайында кызмат өтөгөн. Рашид ад-Диндин жана бизге чейин келип жетпеген бир топ адабияттардын негизинде азыр имам чөйрөсүндө «Искандардын аноними» деп аталып жүргөн эмгекти жазган. Анын биринчи редакциясы (1413-ж.) Искендерге, экинчиси (1414-ж.) Х Шахрухка арналган. Бул эмгектин айрым главаларынан

XIII–XIV кылымдарда чагатай улусунда жана Могулстандын аймагында болгон тарыхый окуялар менен таанышууга болот (МИКК, 112–127-б.б.).

Иезди да тимурийлер Шахрухтун жана анын баласы Ибрахим-султандын сарайында кызмат өтөгөн. Ирандын Иезд шаарында туулган, 1454-жылы анын жанындагы Тафт кыштагында дүйнөдөн кайткан. Ал өзүнүн бир аз эле мурун жазылган Шаминин китебин пайдаланып, көп сандаган адабий булактардын негизинде Тимурдун тарыхынын толук редакциясын түзүп чыккан. Иезди бул эмгегин Шами сыяктуу эле «Жеңиштер китеби» («Зафар-наме») деп атап, аны 1424–1425-ж.ж. жазып бутүргөн. Анда Тимурдун Могулистанга жасаган жортуулдары толук баяндалат. «Зафар наме» 1877–1888-ж. Калькуттада басылып чыккан. Андан Кыргызстандын жана Жети-Суунун аймагында болуп өткөн окуялар орус тилине которулган (МИКК, 128–149-б.б.).

Абд ар-Раззак М. Самарканди 1413–1414-ж.ж. Герат шаарында (Афганистан) туулган. Тимурийлердин сарайында кызмат өтөгөн. 1482–1483-ж.ж. Гератта дүйнөдөн кайткан. Самарканди Хафиз-и Абру жана Шаминин эмгектеринен тышкары жаңы тарыхый булактардын негизинде «Эки бактылуу жылдыздардын туулган жери…» («Матла ас-садайн»…) аттуу китебин жазган. Анда Тимурдун жана акын небереси Искендердин Могулистанга жасаган жортуулдары жөнүндө баяндалат. М. Самаркандинин эмгеги 1941–1949-ж.ж. Лахордо басылып чыккан. Биздеги кол жазмаларынан Жети-Суу, Кыргызстан жана Чыгыш Туркестандын тарыхына тиешелүү маалыматтар орус тилине которулган (МИКК, 350–169-б.б.).

Мирхонд өмүрүнүн көпчүлүгүн Гератта өткөргөн. Аны атактуу акын жана саясий ишмер Алишер Навои дайыма колдогон. Мирхонд Орто Азиянын ошол мезгилдеги ички жана тышкы абалы менен жакшы тааныш болгон. 1498жылы Гератта дүйнөдөн кайткан. Автор өзү чогулткан ондогон булактардын негизинде «Тазалыктын багы» («Раузат ас-сафа») аттуу чыгармасын жазган. (Мирхонд пайдаланган китептердин бир тобу биздин заманга чейин келип жеткен жок.) Бул анын эмгегинин илимий маанисин жогорулатат. «Раузат» кириш сөз, жыйынтык жана жети томдон турат. Анда Улугбектин Могулистанга жасаган жортуулу толук баяндалган. Мындан тышкары Кыргызстандын географиясына тиешелүү маалыматтар да кездешет. «Раузат» көп жолу басылып чыккан жана европалык тилдерге которулган. Анын бир нускасы Кыргыз илимдер академиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат.

XVI кылымда жазылган «Тарыхтын жыйнагында» (Маджму «ат-таварих») кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө айрым баалуу маалыматтар кездешет. Анын автору Сейф ад-Дин Ферганадагы Аксыкет (Касансай суусунун Сыр дарыяга куйган жеринде жайгашкан) шаарында жашаган. Ал эмгегин бүтүрө албай дүйнөдөн кайткан. Анын баласы Нур (же Ноуруз) – Мухаммед (1494–1592) атасынын чыгармасын аягына чейин жеткирген. «Маджму ат-таварих» негизинен Ферганадагы Касан шаарында жашаган шейхтердин өмүр баянына арналган. Легендалык аңгемелер да жазылган. Бирок кыргыз элинин кара кытай жана калмактар менен күрөшү сыяктуу тарыхый окуялар да баяндалат. Ахсикендинин маалыматында «Манас» эпосу ХII кылымдан мурун жаралган. Азыр «Маджму аттаварихтин» үч нускасы бар. Анын бири Кыргыз Илимдер академиясынын Кол жазмалар бөлү мүндө сакталып турат (инв. №5041). Ахсикендинин кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхына тиешелүү айрым маалыматтары орус тилинде жарыяланган (МИКК, 200–214-б.б.).

«Рашидинин тарыхында» («Тарих-и Рашиди») XIV кылымдын II жарымынан XVI кылымдын ортосуна чейинки аралыкта негизинен Могулистан мамлекетинин аймагында болуп өткөн окуялар баяндалат. Анын автору Мухаммед Хайдер дуглат уруусунан чыккан. Ал анын атасы жана чоң атасы Могулистан хандарынын жек-жааттары жана жакын төрөлөрүнөн болгон. Хайдер XVI кылымдын башталышында Ташкентте туулган. Могул ханы Сайддын жакын, ишеничтүү адамдарынан болгон. Бирок анын баласы Рашид бийликке келгенде качып барып Кашмирде чоң эмес княжество түзгөн. Мына ушул жерде, 1541–1546-жылдары «Тарих-и Рашидини» жазган. Ал Могулистан мамлекетинин тарыхына атайын арналган жападан-жалгыз эмгек болуп эсептелет. «Рашиди» эки бөлүктөн турат. Анын биринчи бөлүмүндө автор жашаган доорго чейинки тарыхый окуялар баяндалат. Хайдер аны жазууда Рашид ад-Дин, Йезди, Самарканди ж. б. эмгектерин жана могул уламыштарын пайдаланган. «Рашидинин» экинчи бөлүмүндө Хайдер өзү жашаган мезгилдеги окуялар жазылган. Анда Могулистан мамлекетинин аймагында жашаган кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар бар. В.В.Бартольд алардын негизинде кыргыздар Енисей өрөөнүнөн Тянь-Шань тоолоруна XV кылымда көчүп келгендигин жазган. Хайдердин эмгеги англис тилине (1895) которулуп жарыяланган. Анын кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхына тиешелүү маалыматтары орус тилине которулган (Кыргыз илимдер академиясынын Кол жазмалар бөлүмү, инв. № 2051). Андан кыргызчаланган үзүндү келтиребиз:

«Мансур хан (Могулистан мамлекетинин хандарынын бири – Ө. К.) Могулистанда болгон бардык кыргыздарды жана башка калктарды Чалыш жана Турфанга көчүрдү. Анткени кыргыздар Могулистанда болгон бардык дүрбөлөңдөрдүн баштоочулары болушкан. (Мансур хан) алардын көпчүлүгүн эки жүздүүлүк менен кырып салган. Кыргыздардын аз гана бөлүгү Могулистанга качып келишкен.

Келерки жылы Мухаммед-кыргыз Туркестан (Сыр дарыянын боюндагы шаар) жана Сайрамга чабуул жасап, мусулмандарды талап ала баштагандыктан (Сайд хан) диндик сезимдин түрткүсү менен бул оор кылмыштары үчүн аны жазалоо чечимине келди. Ал Мухаммед-кыргызга кол салды. Ага жана анын адамдарына (Мухаммедкыргыз) мусулман калкына жасаган (зомбулуктан) ашык иш кылды. Мухаммед-кыргызды кармап алып кишендеп коюшту. Ал он беш жылга чейин туткунда болду.

1522-жылы (Сайд хан) уулу Рашид-султанды Могулистанга жиберди жана бүтүн Могулистанды жана кыргыздарды өзүнүн бийлигине баш ийдирди.

Мырза Али Тагайды башкы эмирликке дайындашты. Мухаммед-кыргыз кыргыздарды башкарууга буйрук алып, алар жөнөп кетишти.

Рашид-султан Могулистанга келгенде Мухаммед-кыргыз бүтүн кыргыздарды чогултуп Могулистанды ээлеп алды» (инв. N№ 2051, 30, 40–41, 50).

XVII кылымдан баштап түрк тилдеринде жазылган китептер көбөйө баштайт.

                                                     X–XIII кылымдардагы араб жана парсы булактарынан үзүндүлөр

            АЛ-ИСТАХРИНИН КИТАБ МАСАЛИК АЛ-МАМАЛИК АТТУУ ЭМГЕГИ

Абу Исхак Ибрахим ибн Мухаммад ал-Истахринин Китаб масалик ал-мамалик («Мамлекеттердин жолдорунун китеби») аттуу географиялык эмгеги – Жер ортолук деңизинен Орто Азияга чейинки Чыгыш мамлекеттеринин тарыхына тиешелүү X кылымдагы эң баалуу эмгектердин бири. Истахринин эмгеги болжол менен 920-жылы жазылган Абу Зайд Балхинин географиялык эмгегине негизделген. Бул эмгек сакталган эмес, ошондуктан Истахринин эмгегинин бул эмгекке канчалык деңгээлде көз каранды экендигин божомолдоого гана болот[1]. Истахри жөнүндөгү биографиялык маалыматтар бизге жеткен жок; болгону анын Фарстан чыккандыгы жана көп саякаттагандыгы гана белгилүү. Ал Мавераннахрда да болгон. Абу Зайд Балхинин эмгегин кайрадан иштеп чыгуу менен Истахри аны, негизинен, саякат учурунда жыйнаган материалдары менен толуктаган.

Истахри мусулман өлкөлөрүн гана баяндоону милдет кылып алган, бул өлкөлөрдү ал өзү «климаттар» деп атаган 20 географиялык кеңири аймакка бөлгөн. Истахри ал «климаттарды» Аравиядан баштап Мавераннахрга чейин сыпаттаган; ал бул аймактардын ар биринин чек аралары, шаарлары жана алардын ортосундагы аралыктар, маршруттар жөнүндө маалыматтар берет. Муну менен бирге Истахринин эмгегинде баяндалган аймактардын калкы, чарбасы, анын ичинде кол өнөрчүлүгү менен соо дасы жөнүндө маалыматтар бар.

Истахринин эмгегинин арабча тексти бизге болжол менен 930–933-жылдардагы алгачкы кыскача редакциясы менен келип жетти. Мындан тышкары X кылымдагы автор Ибн Хаукал пайдаланган экинчи, толугураак редакциясы да болгон.

Истахринин эмгегинен алынган үзүндүлөр де Гуенин басылмасы боюнча которулду[2]. Текшерүү үчүн Истахринин эмгегинин жаңы египеттик басылмасы2 (Е менен белгиленген) пайдаланылды.

[1] Худуд ал-алем. Рукопись Туманского, 13–16-беттер; И.Ю. Крачков ский, Арабская географическая литература, 194–197-беттер.

[2] ВGА, I (бул томдун экинчи, стереотип басылмасы 1927-жылы жарык көргөн).

                                                           ИСТАХРИНИН КИТАБ МАСАЛИК

                                                                          АЛ-МАМАЛИГИНЕН АЛЫНГАН ҮЗҮНДҮЛӨРДҮН КОТОРМОСУ

                                                                                                                                       I

//(9-бет)

Син падышалыгына келетурган болсок, анын узундугу болжол менен үч-төрт айлык жол. Эгер булундун чыга беришинен баштап ислам аймагына – Мавераннахрга чейин жүрсөң, бул болжол менен үч айлык жол болот, а эгер чыгыш чек арадан туура Туббеттеги батыш чек араны көздөй жүрүп, кимактардын[1] жеринин ары жагындагы тогузгуздар менен хырхыздардын жеринен өтүп, деңизге чейин барсаң, бул болжол менен төрт айлык жол болот.

Син падышалыгында ар түрдүү тилдер бар. Тогузгуздар, хырхыздар, кимактар, гузздар жана хазлаждар сыяк туу бардык түрктөргө келе турган болсок, алардын тили бир жана ар бири бири-бирин түшүнөт. Ал эми Син жана Туббет жеринин тургундарынын тили бул тилдерден башка. Рум падышалыгын ал – Кунстантинийадагы падыша, ислам падышалыгын Багдаддагы мусулман өкүмдары, Хинд падышалыгын Кануждагы падыша бириктирип турган сыяктуу эле алардын падышалыгын Хумдандагы Син падышасы бириктирип турат…

Түрктөрдүн өлкөлөрү бири-биринен айырмаланып турат. Гузздарга келе турган болсок, алардын жери хазарлардын, кимактардын ээлеген жерлери, хазлаждар менен булгарлардын жерлери жана ислам аймагынын чек арасы – Журжандан Фараб менен Исбижабга чейинки жерлер менен чектешет. Кимактардын өлкөсү хазлаждардын жеринин түндүгүндө, ал эми хазлаждар болсо, гузздар менен хырхыздардын жерлеринин жана саклабдардын ээликтеринин ары жагындагы аймактын ортосундагы жерди мекендешет.

Эгер сен кимактар менен саклабдардын ээликтеринин ортосундагы жерди кесип өтө турган болсоң, йажуждар[2] түндүк тарапта жашайт. Бирок алардын турган жерин жана алардын өлкөсүн Алла Таала жакшыраак билет.

Хырхыздарга келе турган болсок, алар тогузгуздардын, кимактардын жерлери, океан жана хазлаждардын // (10-бет) жери менен чектешкен аймакты мекендешет.

Тогузгуздар Туббеттин, хазлаждар менен хырхыздардын жерлеринин жана Син падышалыгынын ортосунда. Синдерге келе турган болсок, алар деңиздин, тогузгуздардын жана Туббеттин ортосунда. Син өзү бир аймак[3]; Рум падышалыгына кирген жерлердин баарын Румийа жана Кунстантинийа, исламдын башка падышалыктарынын баарын Ираншахр (деп эсептеген) сыяктуу эле түрктөрдүн бардык өлкөлөрүн биз Син падышалыгы деп эсептейбиз, а бул болсо Бабил жери…

Туббет болсо Син жана Хинд өлкөлөрүнүн, хазлаждар менен тогузгуздардын жерлеринин жана Персия деңизинин ортосунда. Анын бир бөлүгү Хинд падышалыгына, бир бөлүгү Син падышалыгына карайт. Алардын (тибеттиктердин) өзүнчө падышасы бар, анын теги туббдардан[4] дешет, муну Алла Таала жакшыраак билет.

[1] Тексттин ушул жеринде жана мындан ары каймак деп берилет.

[2] Йажуж – башкача айтылышы Йажуж – Мажуж Библияда эскерилген Гог – Магогдордун арабча аты болуп саналат. Кыргыздарда «ит жээр, бит жээр» деген ат менен белгилүү болгон табышмактуу элдин ысымы – (М.А.)

                                                                             II Хазар деңизи жөнүндөгү баптан

// (222-бет) Итиль дарыясына келе турган болсок, ал менин угушума караганда, хырхыздарга жакын жерден башталып, кимактар менен гузздардын жерлеринин ортосунан агып өтөт да, кимактар менен гузздардын чек арасы болуп эсептелет; анан ал булгарлардын арка жагынан батышты көздөй агат да, кайра чыгышка бурулуп, орустарды аралап агат; андан ары булгар (жери) аркылуу өтүп, андан буртастарга өтөт да, анан Хазар деңизине куят.

[3] Текстте: иклим; Истахриде – кеўири географиялык аймак (зона), ал өзү баяндаган өлкөлөрдүн ушундай жыйырма аймакка бөлгөн (караўыз: Ю.С. Крачковский. Арабская географическая литература, стр. 197). Гректердин байыркы математикалык географиясын өнүктүргөн алгачкы араб географтарында иклим – кеўдиктин белгилөө бир сандагы градустарын камтыган географиялык алкак.

[4] Текстте: ат-табаби ат (туббанын көптүк саны) – байыркы йемен падышаларынын титулу; мында Тибет менен Тангутту башкарган аты уйкаш Тоба династиясы айтылган болушу да мүмкүн.

                                                                     III (Хорасан жөнүндөгү баптан)

// (281-бет) Гурдан ары Хорасандан Бамиандын чек арасына, Банжхирге чейин тоолор созулуп жатат, алар Ваххан өлкөсүнө кирип, Мавераннахрда тармактанып, Илак менен Шаштын чек арасына, хырхыздарга жакын жерге, түрктөрдүн ички чек араларына жеткенге чейин созулуп кете берет. Бул тоолордун башынан аягына че йин алтын жана күмүш кендери бар, алардын эң байлары хырхыздардын өлкөсүнө жакын жерде, Фергана менен Шаш тараптан Мавераннахрга жеткен жерде. Бул кендердин эң байлары Банжхир тараптагы ислам аймагында жана ага чектеш жерлерде.

                                                                   IV (Мавераннахр жөнүндөгү баптан)

// (288-бет) Жемиштерге келе турган болсок, Согдуга, Усрушанага[1], Ферганага жана Шашка киргенде, сен алардын ушунчалык көптүгүн көрөсүң, жемиш башка өлкөлөрдөгүгө караганда ушунчалык көп болгондуктан, аны малга беришет. Кулдарга келе турган болсок, алар тегеректеги түрктөрдөн келет, алар ушунчалык көп болгондуктан, Мавераннахрдын жашоочуларынын керектөө сүнөн ашып түшөт. Аларды (кулдарды) ар кайсы өлкөлөргө алып кетишет, Чыгышта аларга тең келе турган кулдар жок. Анда (Мавераннахрда) жыпар (мускус) бар, аны аларга (Мавераннахрдын жашоочуларына) Туббеттен жана хырхыздардан алып келишет. Андан башка өлкөлөргө алып кетишет.

[1] Истахриде ушул жерде жана мындан ары – Ушрусана; котормодо бул азыр кабыл алынган Усрушана менен алмаштырылды; Усрушана (Осрушана) деп жазуунун туура экендиги В.В.Бартольд тарабынан далилденген (Несколько слов…, 327-бет), мында ал бул аталыштын Балазури менен Табаринин тарыхый эмгектериндеги формасына таянган. Азыр эў байыркы формасы Уструшана болуп эсептелет (ред. эск.).

                                                                                                                                           V

// (312-бет) Этеги Варка кыштагына чейин жеткен тоо кыркасы Кеш[1] жана Самарканддын ортосу менен Самарканд тарапка кетет да, анда ал-Буттем тоосуна кошулат, Усрушанадан Фергана тарапка ооп, Шелжи жана Тараз аймагына чыгат; бул жол менен жүргөндөрдөн укканыма караганда, алар Синдин чек арасына чейин барат. Усрушанадагы, Ферганадагы, Илактагы, Шелжидеги жана Лабандагы хырхыздардын өлкөсүнө чейинки

[1] Тексттин ушул жеринде жана мындан ары: Кишш.

//(313-бет) кендердин бардыгы ушул тоолордун негизги кыркасында жана ага кошулган тоолордо жайгашкан[1].

Буттем аймагындагы нашатыр тузу, көк таш, темир, сымап, жез, калай, алтын, чираг-санг, чайыр, асфальт, нефть, бирюза жана Ферганадагы нашатыр тузу жана Фергана жөнүндөгү баянымда айткан таштары көмүр сыяктуу күйө турган тоо, Фергана жөнүндөгү баянымда айткан мол[2] жемиштер – булардын бардыгы ушул тоолордо, алардын чокуларында же алардын этектеринде же аларга кошулган (тоо кыркаларында). Ушул тоолордо, Буттем аймагы менен Шавадар[3] тоолорунда, Самаркандга жакын жерде ысык жана муздак булактар бар, бирок алардын арасында жайында күн абдан ысыганда тоңуп кала турган булактар бар, мамы сыяктуу болуп тоңуп калган бул булактарды чагып алууга болот. Кышында болсо алардын суусу ысый баштайт жана жайылып жүргөн мал анын жылуусуна ыктоолойт…

[1] Текстте:  сөзмө-сөз: «Жана ага кошулган бул тоолордо» (ред. эск.).

[2] Б.а. жапайы.

[3] Текстте: ас -Савадар; В.В.Бартольддо (Туркестан…, 145-бет ж.б.) – Шавдар.

                                                                                        VI

// (325-бет) Усрушанага келе турган болсок, Усрушана Согду сыяктуу эле аймактын аты[1] жана (Усрушана аймагында) мындай (аттуу) шаар жок; анын көпчүлүк бөлүгүтоолор. Усрушананын чек арасы: батыштан – Самарканддын чек аралары; түндүктөн – Шаш жана Фергананын бир бөлүгү; түштүктөн – Кештин, Саганиандын[2], Шумандын, Вашжирдаин[3] жана Рашттын чектери; чыгыштан – Фергананын[4] бир бөлүгү.

[1] Текстте: ал иклим.

[2] Текстте: Ас-Саганиан – Чаганиан деген географиялык аталыштын арабча жазылышы.

[3] Текстте: Вашжирд; башка бир окулушунда (Е) – Виш.к.р.д., ошентип парсыча котормосунда да Вишгерд болуп калган.

[4] Парсча котормосунда –«Памирде».

(Усрушананын) шаарлары – Арсианикет[1], Куркет[2], Газак, // (326-бет) Вагкет1, Сабат, Замин, Дизак, Нужекет [3]жана Харакана, ал эми анын (Усрушананын) өкүмдарлары жашаган шаар – бул Бунжикет[4]. Бул шаардын курулуштары ылай менен жыгачтан. Шаардын ичинде дагы бир шаар бар; алардын ар биринин айланасында дубалдар[5]. Ички шаардын эки дарбазасы бар жана анын ичинде чоң дарыя агат, анда тегирмен бар. Дубал сарайларды, бактарды, замокторду жана жүзүм бактарды курчап турат. // (327-бет) Анын диаметри[6] бир фарсахтай бар. Анын[7] төрт дарбазасы: Замин, Мерсменд, Нужекет , жана Кехлабад дарбазасы бар; каналдары алтоо, алардын баары шаардан жарым фарсахтай жердеги башаттан келет.

Андан кийинки чоң шаар – Замин, ал Ферганадан Согдуга кеткен жолдо жана Серсенда деп аталат.

Дизак – ойдуңда жайгашкан шаар, анда рибаттар, кербен сарайлар жана булактан чыгуучу суулар бар. Ал көргөн адамды өзүнө тартат, анда бактар менен суулар абдан көп. Бүт Усрушана боюнча кеме сүзө ала турган дарыя жок, анда көл да жок[8].

[1] Мукаддасиде (ВСА, III, 265-бет) – Арсубаникет; туура окулушу Усбаникет (Субаникет) болсо керек, анткени Исбижабдагы аты уйкаш шаар жана рустак Мукаддасиде (ВСА, III, 263-бет) Арсубаникет, ал эми Истахриде (ВСА, I, 346-бет) – Усбаникат. Усбаникет – Субаникет деген окулуш В.В.Бартольд тарабынан кабыл алынган (Туркестан…, 224–233-беттер жана К истории орошения …, 223–224-бет) (ред. эск.).

[2] В.В.Бартольддуку боюнча – к.р.кас (Туркестан…, 223-бет); ал Мукаддасиде бул аталыш Курдкет формасында берилгенин белгилеген (ошондо, 2-эск.). Истахринин египеттик басылмасында (183-бет) – Кур. кас.

[3] Адабий түрдөгү туура окулушу Фагкет болсо керек, Истахриде ушундан ары (ВСА, I, 343–344-бет) жана Мукаддасиде да (ВСА, III, 49, 265, 345 -беттер) ушундай берилген. Бирок Фагкеттин ордунда азыр Вагат деген кыштак бар деген В.В.Бартольддун божомолу туура болсо (Туркестан…, 224 -бет, 5-эск.), анда Истахринин Вагкет деп жазышы кокусунан эмес, ал жергиликтүү айтылышты чагылдырган (ред. эск.).

[4] В.В.Бартольддо – Пянжикет (Пянжикент) (Туркестан…, 223, 225-бет; Несколько слов…, 331-бет; К истории орошения …, 216-бет).

[5] Усрушанадагы Бунжикет (Пянжикет) шаарынын бир топ кененирээк баяндамасы Истахринин парсыча котормосунда берилген, ушул басылышты караўыз. Эў мыкты маалыматтарды Мукаддаси берет (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 223–224-бет) (ред. эск.).

[6] Же рабаддын дубалынын тегереги (В.В.Бартольд, Туркестан…, 223-бет).

[7] Б.а. рабаддын.

[8] Истахринин египеттик басылмасында (184-бет, 1-эск.) кошумчаланган: «Анда (Усрушанада) эгин талаалары менен гүлдөгөн кыштактар эле эмес, ар кандай шаардын чоў рустактары бар, ал эми шаары жок рустактар [төмөнкүлөр]: Б.шаг.р, Месхарин, Баргар, Бангам, Минк, Бискен жана Исбискет». Истахринин парсыча котормосундагы Усрушананын рустактарынын саналышы менен салыштырып көрүўүз, мында Месхариндин ордуна Месха, Баргамдын ордуна Фартангам келет. В.В.Бартольд Ибн Хаукал менен Мукаддаси Усрушананын бир да шаары жок бир катар рустактарын атаганын белгилеген (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 225-бет; Мукаддаси, ВСА, III, 266-бет).

Буттем – бул адам жеткис бийик тоолор, анын көпчү лүк бөлүгүндө суук өкүм сүрөт. Буттемде кол жеткис сепилдер бар. Анда алтын жана күмүш кендери, көк таш менен нашатыр тузу да бар. Бул тоодо үңкүргө окшогон бир жай бар, анын үстүнө үй куруп, эшик-терезесин бекем бекитишет. Үңкүрдөн күндүзү түтүнгө, түн ичинде отко окшогон буу чыгат жана ал буу катып калганда, аны сындырып алышат, ушунун өзү нашатыр тузу болот. Өтө ысык болгондуктан ага (үңкүргө) эч ким даап кире албайт // (328-бет), кирген киши кийизге оронот да, машыккан ууру сыяктуу шып деп кирет. Буу бир жерден экинчи жерге жылып турат; мындайда ал көрүнмөйүнчө үстүнөн казуу керек. Ал бир жерден чыкпай калганда, башка жерди казышат да, ал ошол жерден чыга баштайт.

Буттем – бул тоолор, алар Биринчи Буттем, Ортоңку Буттем жана Ички Буттем деп аталат. Самарканддын, Согдунун жана Бухаранын суулары Ортоңку Буттемден келет.

Минк-Кутейба ибн Муслим ал-Афшин менен согушуп, (аны) камоого алган жер[1].

Шаш менен Илакка келе турган болсок, алардын аймагы эки-үч күндүк (жол). Мында кыштактар, иштетилген жерлер жана чоң мечиттер абдан көп, жайыттары менен шалбаалары көп түздүктө жайгашкан. Шаш менен Илакта дарбазалары, дубалдары, цитаделдери, базарлары жана шаарды аралап аккан каналдары бар шаарлар көп.

Шаштын шаарлары: Бинкет, Денфеганкет, Жинанжекет, // (329-бет) Нежакет, Бенакет, Харашкет, Ашбингу, Арделанкет, Худейнкет, Кенкерак, Кеберна, Гарженд, Ганнаж, Жебузан, Вердук, Нужекет, // (330-бет) Газак, Анудкет, Багункет, Беркуш, Хатункет, Жигукет[2], Фаранкет, Кедак // (331-бет) жана Некалик.

Илактын шаарлары: борбор шаары Тункет деп аталат, чоң мечиттүү шаарлары: Сакакет, Банжехаш, Нукет, Балайан, Арбилах, Намудлиг, Туккет, Хумрек, Бискет, // (332-бет) Кух-и Сим, Дахкет[3], Хаш жана Харжанкет[4].

Шаш менен Илак биригип кеткен, алардын ортосунда // (333-бет) эч кандай бөлүнүү жок. Илакта алтын жана күмүш кендери бар. Илактын эң чоң шаарлары – Нукет менен Тункет. Самарканд менен Тункеттен башка жерде Мавераннахрдын акча куйган сарайы жок.

Исбиджабга келе турган болсок, бул Тункеттин үчтөн биринчелик келген шаар. Анын рабадында бактар менен суулар бар, курулуштары болсо ылайдан; базарлары товарга толо берекелүү, түшүм менен кирешеге бай. Исбиджабдан башка Мавераннахрда хараж салынбаган шаар жок. Исбиджабдын тегерегинде көп сандаган шаарлар менен кыштактар бар.

Ходженд[5] Фергана менен чектешет жана Шаш дарыясынын батыш тарабында жайгашкан. Анын (Ходженддин тегерегинде Кендден[6] башка шаар жок. Мында чоң дарыя бар, аны менен товарларды жана азык-түлүктөрдү ташышат.

Фергана – аймактын аты, анын негизги шаары – Шаш дарыясынын боюндагы Ахсикет; аны дубал курчап турат, анын сыртында рабад бар, аны болсо башка бир дубал курчап турат. Андан кийинки чоң шаар – Куба, бардык шаарлардын ичинен эң татынакайы. Анда цитадель, рабад, чоң мечит жана базарлар бар.

Андан кийин Ош келет. Бул дубал менен курчалган жандуу шаар, мында цитадель жана эмирдин сарайы бар. Шаар тоого ыктап турат, анда түрктөрдү акмалап тура турган кароол жай бар.

Узгенд – (капырлар менен) согуш аймагы тараптагы Фергананын шаарларынын акыркысы. Анын дубалы, рабады, цитадели, арыктары жана бактары бар.

Мавераннахрдын эң чоң кыштактары Ферганада; көп учурда жашоочуларынын көптүгүнөн, жайыттар менен эгин талааларынын кеңдигинен улам кыштактын узундугу бир күнчүлүк жол болот. // (334-бет) Ферганада бир нече аймак бар, алардын ар биринде көптөгөн шаарлар бар; бул шаарлардын ар биринин көп сандаган кыштактары, рустагы бар. Ага (Фергананын аймактарына) Касан аймагы, Жидгил[7] аймагы жана Миан-Рудан[8] (аймагы) кирет. Анын (Миан-Рудан аймагынын) баш шаары – Хайлам; мында Хайр ибн Абу-л-Хайр дын үйүндө эмир Абу-л-Хасан Наср ибн Ахмад (Саманид) туулган.

Элдин колундагы алтындын, күмүштүн жана сымаптын орчундуу бөлүгү Ферганадан келет. Фергана тоолорунан асбест, бирюза, темир, жез, алтын жана коргошун казылып алынат. Асбарда[9] кара таштуу тоо бар, бул таштар (жыгач) көмүр сыяктуу күйөт; ал жерден үч капты (ушундай көмүрдүн үч кабын) бир дирхемге сатышат жана анын күлү кездемелерди агартат.

[1] Истахринин эмгегинин (ВСА, I) 328-бетиндеги 1-эскертүүнү караўыз, мында ал жерде ал-Афшин ал-Акбар деген ат менен белгилүү болгон сепилдин бар экени айтылат. В.В.Еартольд белгилегендей (Туркестан…, 225-бет), Ибн Хаукалда (ВСА, II, 383–384-бет.) Афшин чебинин Минк рустагында жайгашканы жана Кутейба «кара кийимчендер» менен согушканы айтылат – (ред. эск.).

[2] Жабгукет болсо керек (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 230-бет).

[3] Мукаддасиде – Адахкет (ВСА, III, 265–273-беттер), мындан тышкары В.В.Бартольдду да караўыз (Туркестан…, 231-бет).

[4] В.В.Бартольддо – Харганкет (караўыз: Туркестан…, 230 -бет).

[5] Истахриде ушул жерде жана мындан ары – Худжанда.

[6] Кийинки Кенд -и Бадам – Канибадам (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 214-бет).

[7] Мукаддасиде (ВСА, III, 262-бет) бул аталыш «Жидгил» болуп окулат жана муну В.В.Бартольд кабыл алган (Туркестан…, 219, 220, 226 -беттер); бул туура болуш керек, бирок бул географиялык аталыш кийин «Чаткал» деген формага ээ болгон.

[8] Фергананын Кара -Дарыя менен Нарындын ортосундагы бөлүгү, Миан-Рудан аймагынын кийин түрктөр койгон аты – Эки суу арасы (В.В.Бартольд, Туркестан…, 212-бет.

[9] Кийин Испара, Исфара болуп калган (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 217-бет). Истахриде – Асгира, Ашпара – айтылышында алгачкы форма сакталып калган (ред. эск.).

                                     Мавераннахрдагы аралыктар Феребрдеги[1] Жейхун дарыясынан Ферганага чейинки жол

// (335-бет) Ходжеңаден Кендге чейин бир күндүк жол, Кендден Сохко[2] чейин бир күндүк жол, Сохтон Риштанга чейин бир күндүк жол, Зендерамштан Кубага чейин бир күндүк жол, Кубадан Ошко чейин бир күндүк жол, Оштон Узгендге чейин бир күндүк жол. Феребрден Узгендге чейинки түз жол ушул, а бул (Узгенд) болсо Мавераннахрдын аягы.

Ходжендден Ахсикетке, Фергананын баш шаарына, (бара турган) киши Кендден Сохко чейин бир күн (жол жүрөт) жана Сохтон Хокандга[3] чейин бир күн, Хоканддан Ахсикетке чейин бир күн жүрөт жана анда эки жол бар: алардын бири суусуз чөл жана кумдар менен кетет. Ахсикеттин дарбазасына чейин жети фарсах, анан // (336-бет) Шаш дарыясынан Ахсикетке өтөсүң; экинчиси, дарыядан Бабга өтөсүң – беш фарсах жана Бабдан Ахсикетке чейин эки фарсах. Бардыгы болуп Феребрден Узгендге чейин 23 күндүк жол.

Шаштан ислам өлкөсүнүн чет-жакаларына кете турган жолдорго келсек, мында Абаркеттен Катаван-дизеге чыксаң бир күндүк жол, Шаш менен Фергананын жолу бир: Рибат Абу Ахмадга чейин, анан солго Шашка буруласың, Рибат Абу Ахмаддан чыкканда Катаван-дизеге токтойсуң, эгер кааласаң Хараканга токтойсуң жана андан Дизакка чейин (барасың), андан Хусейиндин кудугуна, андан Хумеймин кудугуна, Вингерд, Уштуркет[4] жана Тункетке, анан Анфуран деп аталган ал-Каластагы Рибатка, // (337-бет) анан Гузкерд[5] деген кыштакка, анан Исбиджабга, анан Будахкетке, Будахкеттен Таразга чейин эки күндүк жол, алардын ортосунда рибат да, иштетилген жерлер да жок.

Ал эми Бенакетке кеткен жолду каалаган киши Абаркетте Рибат Садга токтойт жана андан Заминге, Заминден Хаваска, Хавастан Бенакетке, анан Уштуркетке барат. Бардыгы болуп Жейхун дарыясынан Таразга чейин 22 күндүк жол.

[1] Феребр – Амударыянын боюндагы Амулдун жанындагы Фараб (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 132-бет).

[2] Текстте: Сухтун (Сох) ордуна Суж.

[3] Истахриде жана башка араб географтарында – Хуваканд. Ушул ат менен белгилүү болгон кыштак азыркы Кокондун ордунда болгон (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 214-бет). Хуваканд деген эски форманын ушул жерде жана мындан ары Хоканд деп беребиз (ред. эск.).

[4] Текстте: ушул жерде жана мындан ары – Устуркет. Бардык жерде Уштуркет менен алмаштырабыз, анткени ачык этимологиялуу Уштуркет же Шутуркет – «Төөлөрдүн шаары» деген окулуш В.В.Бартольд тарабынан кабыл алынган (Туркестан…, 227-бет) (ред. эск.).

[5] Же Гаркерд (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 232-бет).

                                                                                              VII

// (343-бет) Усрушананын шаарларынын ортосундагы аралыктарга келе турган болсок, Хараканадан Дизакка чейин беш фарсах, Хараканадан Заминге чейин тогуз, Заминден Сабатка чейин үч, Заминден Хаваска кеткен жолдогу Куркетке чейин 13 фарсах, бул Фергана баратканда сол жакта. Усрушананын баш шаары менен Сабаттын ортосу түштүк-чыгыш тарапка үч фарсах, ал эми Нужекет менен Харакананын ортосу түштүк-чыгыш тарапка эки фарсах. Арсианикет Фергананын чек арасында, Усрушананын баш шаарынан чыгыш тарапка тогуз фарсах аралыкта. Фагкет Ходжендге кеткен жолдо баш шаардан үч фарсах аралыкта, // (344-бет) Фагкеттен Газакка чейин эки фарсах, ал эми Газактан Ходжендге че йин алты фарсах.

Шаштын, Илактын жана Исбиджабдын шаарларынын жана алар менен байланышы барлардын ортосундагы аралыктар: Шаш дарыясындагы Бенакеттен Харашкетке чейин бир фарсах, Харашкеттен Худейнкетке чейин фарсах, андан Уштуркетке чейин үч фарсах, андан Денфеганкетке чейин эки фарсах, андан ары Залтикетке чейин бир фарсах, андан Бинкетке чейин эки фарсах, бул шаарлар Бенакеттен Бинкетке кеткен жолдо.

Илактын баш шаары Тункетке кеткең жолдогу шаарларга келе турган болсок, Тункеттен Нуткетке чейин бир фарсах, андан Балайанга чейин эки фарсах, андан ары Банжехашка чейин эки фарсах, андан Сакакетке чейин бир фарсах, андан ары Нукетке чейин да ушунча.

Чыгыш тараптагы Илакка кеткен жолдогу Фарак[1] дарыясы менен Илак дарыясынын ортосуна келе турган болсок, Фарактан Бинкетке чейинки дарыянын боюнда эки фарсах аралыкта Жигукет бар, андан эки фарсах ары Фаранкет[2] бар, андан ары бир фарсах аралыкта Багункет бар, эки фарсах аралыкта Анудкет жана Кедак, Гадранк, Кеберна, Газак, Вердук жана Жубузан бар, булардын баарынын ортосу бир күндүк же ушуга жакын жол.

Фарак дарыясы менен Илак дарыясынын ортосунда, Илакка кеткен жолдун батыш тарабында Ашбингу, Келешжик, Арделанкет, Бискет, Самсирек, Хумрек жана Ганнаж бар, булардын баарынын аралыгы болжол менен бир күндүк жол. Бенакет менен Ну сеттин, Шаш жана Илак дарыяларынын ортосунда Гаржеңд Хаш, Дахкет, Тункет жана Кух-и Сим бар, (булардын баарынын) узунунан кеткенде аралыгы эки күндүк жол, туурасынан кеткенде бир күндөн азыраак жол.

Илак дарыясы менен Шаш дарыясынын ортосунда, Нукеттин батыш тарабында беш фарсах аралыкта Арбилах менен Намудлиг бар. Жинанжекет Вингердден Бинкетке кеткен жолдо жана аны менен Шаш дарыясынын ортосу – эки фарсах, ал эми Неджакет Шаш дарыясында жана бул дарыя ага жакын жерде Фарак дарыясына кошулат жана аны менен Бенакеттин ортосу – үч фарсах. Кенкерак Фарак дарыясында, Худейнкеттен анча алыс эмес, бир фарсах алыстыкта.

Фарак дарыясы менен Каластын аркасындагы Шаш дубалынын ортосундагыларга келе турган болсок, Хатункет баш шаардан эки фарсах алыстыкта, ошол эле багыттагы Беркуш Хатункеттен үч фарсах алыстыкта жана андан Харканкетке чейин чыгыш тарапка төрт фарсах. Бинкеттен Исбиджабга чейин // 346-бет) төрт күндүк жол, Исбиджабдан Усбаникетке чейин эки күндүк жол, Усбаникеттен Кедерге, Барабдын баш шаарына чейин эки күндүк жол, Кедерден Шавагарга чейин бир күндүк, Шавагардан Сабранга чейин бир күндүк жол. Васиж дарыянын батыш жээгинде, ал Кедерден эки фарсах төмөнү рөөктө. Бараб дарыядан чыгышыраакта жана Кедер менен дарыянын ортосу жарым фарсах.

Ахсикеттен Шикитке чейинки жол тогуз фарсах жана бул Миан-Рудандын биринчи (кыштагы), ал эми Ахсикеттен Селатка[3], Миан-Рудандын акыркы (кыштагына) чейин болжол менен беш күндүк жол. Ахсикеттен түндүк тараптагы Касанга чейин беш фарсах жана Касандан Арделанкетке чейин эки өргүү, Касандан түндүк тараптагы Нежмага чейин бир күндүк жол. Ахсикеттен Кервандын чек арасына чейин болжол менен жети фарсах жана Ахсикеттен Ванкетке чейин да жети фарсахча бар жана анын чеги Илакка барып такалат жана ал // (347-бет) Ахсикет менен Кервандан түндүк-батыш тарапта. Аны менен Касандын ортосу болжол менен төрт фарсах. Ахсикеттен Керванга чейин болжол менен тогуз фарсах.

Бараб менен Ахсикет Шаш дарыясынын жээгинде, ал эми Кенд менен Шаш дарыясынын ортосу Ванкет менен ушул дарыянын ортосу сыяктуу эле бир фарсахтан көбүрөөк. Хоканд менен бул дарыянын ортосу беш фарсах жана Кубадан Риштанга чейин, Риштандан Шаш дарыясына чейин болгону жарым күндүк жол. Кубадан Уштиканга чейин үч фарсах жана Уштикандан бул дарыяга чейинжети фарсах жана ал Кубадан Ахсикетке кеткен жолдо. Сохтон Бамкахушка чейин беш фарсах жана Бамкахуштан Тамахуска чейин бир милдей бар. Бамкахуштан Сохко чейин беш фарсах жана Сохтон Ужнуга кеткен жолдогу Аувалга чейин он фарсахтай бар. Кубадан чыгыш тараптагы Некадга чейин болжол менен жети фарсах жана алар бири-бирине чектешип турат.

Оштон Медвге[4] чейин эки фарсах жана Ванкеттен Хайламга чейин үч, Хайламдан // (348-бет) Селатка чейин жети фарсах. Селат менен Бискендде мечит жок, чек арадагы шаарлар болгондуктан гана биз аларды эскерип өттүк.

[1] Көчүрүп жазгандардын катасы боюнча Фарак же Парактын (азыркы Чирчик) ордуна текстте Т.р.к болуп калган (караўыз: В.В.Бартольд, Отчет о командировке в Туркестан, 264-бет). Фарак (жана Парак) деген аталыш орто азиялык тарыхчылар (маселен, ферганалык Аваз – Мухаммад Аттар) тарабынан азыркы Чирчик деген аты менен бирге XIX кылымдын ортосуна чейин эле колдонулуп келген (ред. эск.)

[2] Же Афаринкет (кийин Фринкент, Принкент болуп калган), караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 147-бет.

[3] Же Шелат.

[4] Азыркы Ош областындагы Мады кыштагы (караўыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 214-бет).

            АЛ-ИСТАХРИНИН (КИТАБ) МАСАЛИК АЛ-МАМАЛИК АТТУУ ЭМГЕГИ

                                                                                  (Парс тилиндеги котормосу)

Истахринин эмгегинин парсыча котормосу бул эмгектин 930–933-жылдары түзүлгөн биринчи редакциясына барып такалат. Котормочунун аты белгисиз. Илимий адабиятта котормо белгилүү астроном Насир ад-Дин Тусиге таандык экендиги жөнүндө божомолдор айтылган; башка бир божомолдорго караганда, котормочу Ибн Саведжи (Абу-л-Махасин Мухаммад ибн Сад ибн Мухаммад Нахчивани), парсча котормонун кол жазмаларынын биринин көчүрүп жазуучусу болгон. Азыркы учурда бул божомолдордун экөө тең күмөндүү, анткени котормонун тили менен стили аны алда канча мурунку мезгилдерге –XI–XII кылымдарга1 таандык деп божомолдоого негиз берет.

Котормонун байыркылыгы, анын чебердик менен ачык, даана парсы тили менен которулгандыгы кийинки көчүрмөчүлөр тарабынан көп учурларда бузулуп калган Истахринин эмгегинин текстин калыбына келтирүүдө анын мааниси абдан чоң. Парсча котормонун илимий баалуулугу Истахринин эмгегинин бизге жеткен арабча текстинде жок нерселер көп учурда анда бардыгы менен да аныкталат. Изилдөөчүлөр Истахринин парсча (Китаб) масалик ал- мамалигинин өзүнчө илимий мааниге ээ экендигин белгилеп жүрүшөт, ал турсун Истахринин эмгегинин түп нускасы парсы тилинде жазылган деген пикирлер да айтылган2.

Истахринин парсча (Китаб) масалик ал-мамалигинен алынган үзүндүлөр парсыча тексттин 1340–1961-ж.ж. Тегеранда жарык көргөн3 такталган басылмасы боюнча которулду. Бул текстти басып чыгарган көрүнүктүү ирандык филолог Иреж Афшар аны түзүү үчүн Истахринин парсыча (Китаб) масалик ал-мамалигинин 17 кол жазмасын, анын ичинде 821/1422–23-жылдардагы эң байыркы кол жазманы да пайдаланган.

Истахринин парсча (Китаб) масалик ал-мамалигинен алынган үзүндүлөрдү орус тилине которууда ЛО ИВАНда С 610[1] деген шифр менен сакталып турган кол жазма да пайдаланылды; кол жазмадагы айрым ар кандай окулуштар менен кошумчалар эскертүүлөрдө белгиленди.

[1] Бул кол жазма жөнүндөгү маалыматтарды караңыз: Н.Д.Миклухо-Маклай, Описание таджикских и персидских рукописей…, 12–13-беттер.

                                         Истахринин парсыча (Китаб) масалик ал-мамалигинен алынган үзүндүлөрдүн котормосу

                                                                                                                          I

// (9-бет) Деңиздер жөнүндө эскерүү

// (10-бет) Чин өлкөсү. Анын узундугу – төрт айлык жол, туурасы – үч айлык жол. Эгер булуңдун чыга беришинен Мавераннахрдын чек арасындагы мусулман чегине чейин жүрсөң, бул үч айлык жол болот. А эгер батыш чек арага жетиш үчүн чыгыш чек арадан чыгып, Нубиан[1] жерине жакындап, кимактар көрүнмөйүнчө, так деңиздин өзүнө чейин хырхыздар менен тогузгуздардын жери менен (жүрсө), анда төрт айлык жол болот. Чин өлкөсүндө түрдүү тилдер бар.

// (11-бет) Ал эми Туркестанга келе турган болсок, тогузгуздардын, хырхыздардын, кимактардын, гуздардын жана хазлаждардын тили бир жана алардын баары бирибиринен (келип чыккан). Чин мамлекетинин борборун Рум мамлекетин Кунстантинийа менен, ислам өлкөлөрүн Багдад менен, ал эми Хиндустан өлкөсүн Кануж менен байланыштырган сыяктуу эле Хумдан деп аташат.

Түрктөрдүн жерлери обочо турат. Ал эми гуздардын жерине келе турган болсок, алардын жерлеринин чеги – хазарлардан кимактарга чейин, хазлаждар менен булгарлардын жерине чейин. Мусулман чеги – Гургандан Парабга (жана) Сапиджабга чейин. Кимактардын өлкөсүнөн өтсө, түндүк аймактардагы хазраждардын[2] жери болот. Алар (кимактар) гуздар менен хырхыздардын ортосунда, саклабдардын аркасында жайгашкан. Саклабдардын (жери) менен кимактардын чегинен өтсөң, түндүк эймактардагы Йажуж жери болот, алардын саны менен жеринин көлөмүн бир кудай өзү билет.

Хырхыздарга келе турган болсок, алардын жери гуздар менен кимактардын, океан менен хазраждардын жерлеринин ортосунда. Тибет жери хырхыздар менен Чин өлкөсүнүн ортосунда жайгашкан. Ал эми Чин өлкөсү деңиз менен Тибет жеринин ортосунда. Чин өзү бүтүндөй бир аймак[3]. Рум мамлекетин Кунстантинийа деп да, бардык ислам өлкөлөрүн Ираншахр деп да (а бул Бабил жери) атаган сыяктуу эле Туркестандын башка аймактары да (аталышы боюнча) ага кирет.

// (12-бет) Тибет Син жана Хиндустан өлкөлөрүнүн3, хазлаждар менен тогузгуздардын жерлеринин жана Парс деңизинин ортосунда жайгашкан. (Тибеттин) бир бөлүгү Хинд мамлекетине, бир бөлүгү Син мамлекетине карайт. Алардын (тибеттиктердин) тоб[4] тукумунан чыккан падышасы бар деп айтышат.

[1] Арабча текстте: ат-Туббат (Тибет). Парсча котормодогу көчүрмөчүнүн катасы көрүнүп турат: Нубийан эмес, Тубийан – «тибеттиктер»,

«Тибет өлкөсү» болуш керек. (ред. эск.)

[2] Арабча текстте: хазлаждар.

[3] Ушул басылманын тиешелүү бөлүмүн караңыз. 3 Текстте: вцлайат.

[4] «Тоба» термининин ыктымалдуу мааниси жөнүндө ушул китептин тиешелүү бөлүмүн караңыз.

                                                                                                                  II

                                                                                         // (176-бет) Хазар мамлекети жөнүндө эскерүү

// (179-бет) Итил дарыясы хырхыздардын чек арасынан агып чыгат да, гуздардын (жерине) кирет жана булгарларга келет жана буртастардын чегине жеткенде деңизге куят.

                                                                                                                 III

                                                                                                          // (215-бет) Хорасан

// (220-бет) Гур тоолору Хорасандын чегинде жайгашкан. Бамиандын, Панжхирдин жана Мавераннахрдын чек араларына, Ички Туркестанга, Чач менен хырхыздарга чейин созулат. Бул тоолордо башынан аягына чейин күмүш жана алтын кендери бар, алардын эң мыктылары хырхыздардын чек арасындагылар. Мусулман дүйнөсүнүн чектериндеги кендердин эң жакшысы – Панжхирдин чек арасындагылар…

                                                                                                               IV

                                                                                                     // (226-бет) Мавераннахр

// (227-бет) Согдуда, Усрушанада[1], Ферганада жана Чачта жемиш ушунчалык көп болгондуктан, алар (бул аймактардын жашоочулары) өз унааларын жемиш менен багышат.

[1] Текстте ушул жерде жана мындан ары Сутрушуна деген эски жазылышты (бул тууралуу караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 221–222-беттер жана 1-эскертүү; К истории орошения Туркестана, 186-бет, 6-эскертүү) азыр кабыл алынган Усрушана менен алмаштырдык (ушул басылыштын 17-бетиндеги 7-эскертүү менен салыштырыңыз) (ред. эск.).

Туркестандык кулдарды адегенде Мавераннахрга алып келишет, (андан) алардын көпчүлүгү башка өлкөлөргө кетет. Эч бир жерде түрк кулга тең келе турган кул жок. Тибеттин жана хырхыздардын жыпарын адегенде ошол жерге алып келишет, андан дүйнөнүн (бардык) өлкөлөрүнө алып кетишет.

// (244-бет) Бухаранын жанындагы бул тоого жакын дагы бир тоо бар, аны Варка дешет. Ал Самарканд менен Кештин ортосуна барып, Усрушананын Шахристанын көздөй имерилет жана Фергана менен Таразга чектешип, андан ары Чиндин чек арасына чейин барат. Бул тоолордун негизги кыркасынын карама-каршы тарабында чөл бар: ал Усрушананын Фергана жана Илак менен чектешкен жеринен хырхыздарга чейин (созулат) жана мунун баары бул тоолордун негизги кыркасына жанаша жайгашкан[1].

Ферганада нашатыр тузунун жана көк таштын, темирдин, сымаптын, коргошундун, алтындын жана бирюзанын кендери бар. Бул тоодо нефтинин кыр жана зуфт чайырынын кендери да бар, (мындан тышкары) өзгөчө бир таш бар, ал (жыгач) көмүр сыяктуу жалындап күйөт. Бул тоодо мен жогоруда айткан мол[2] жемиштер бар. Мында жайдын күнү тоңуп, кыштын күнү ысык боло турган булактар бар…

// (256-бет) Усрушана–Согду сыяктуу эле аймактын аты. Бул аймакта (Усрушанада) аты ушундай бир да шаар жана кыштак жок. Бул аймак тоолуу өлкөдө жайгашкан. Усрушананын чыгыш чек арасы Фамирде, батыш чек арасы Самарканддын чегинде, түндүк чек арасы Чачта жана Фергананын бир тарабында, ал эми түштүк чек арасы Кеш, Чаганиан, Шуман, Вишгерд жана Рашт тарапта.

Усрушананын баш шаары алардын тилинде Бунжикет деп аталат. Ал эми райондорунун аты мындай: Арсианикет, Куркет, Газак, Вагкет[3], Сабат, Замин, Дизак, Нужекет, Харакана // (257-бет) өкүмдарлардын турган жери – Бунжикет. Бул шаарда 10 миңге жакын киши жашайт. Курулуштарынын баары ылай менен жыгачтан. Ички шахристан дубал менен курчалган, ал эми рабадда дагы бир дубал бар. Бирөөнү Дарваза-йи Балайин, башкаларын – Дарваза-йи Шаристан дешет. Ички шахристанда мечит жана кухендиз бар. Бул шахристандан чоң дарыя агып өтөт жана ага тегирмен курулган, ал эми дарыянын жээгине дарактар отургузулган. Шахристанда базарлар бар. Рабадда да бар.

Шаардын узундугу[4] – бир фарсанг. Суу каналдар менен сарайларга, павильондорго[5], бактар менен талааларга келет. Рабаддын төрт дарбазасы бар. Бирөө – Дарваза-йи Замин, башкалары – Дарваза-йи Мерсменда жана Дарваза-йи Нужекет жана Дарваза-йи Кехлабад.

// (258-бет) Дизак-түздүктө жайгашкан шаар, Фенган[6] районунун баш шаары, чоң жолдордо рибаттары жана кербен сарайлары бар. Шаардан эки фарсанг аралыкта Рибат-и Хадис[7] деген кербен сарай бар. Аны Афшин курган жана ал кербен сарайлардын эң чоңу. Самарканддыктардын буга тең келе турган рибаты жок. Рибаттын ортосунда булак бар, булактын үстүнө куполдор курулган. Кас аймактарга мындай жакын турган башка эч бир рибат жок.

Бүтүндөй Усрушанада кеме жүрө ала турган бир да чоң дарыя жок. Бирок мында арыктар жана булактар, шалбаалар абдан көп.

Усрушананын рустактары: Башагир, Месха, Паргар[8], Фартангам, Минк, Бискен, Исбикет. Булардын баары (барууга) кыйын жана климаты суук, тоолуу аймак.

Буттем аймагында өтө бекем сепилдер бар. Бул аймакта алтындын, күмүштүн, көк таштын жана нашатыр тузунун кендери кездешет.

Нашатыр тузунун кени тоодо. Анда өзгөчө бир үңкүр бар, андан // (259-бет) күндүзү түтүнгө, түндөсү отко окшогон буу чыгат. Буу чыккан жерге бууну (жыйнап алыш) үчүн өзгөчө бир үй курушат; анын жылчыктарынын баарын буу чыкпагандай кылып бекитишет. Үйдүн жогорку бөлүгүнө нашатыр тузу топтолот. Эшикти ачарда шамдагай кишилерден бирөө кийизди сууга малып туруп оронот. (Анан) эшикти ачып, дароо кирет да, алынын жетишинче чогултуп алат. Эгер ал анда бир аз кармалып калса, күйүп кетет.

Буу бир жерден экинчи жерге көчүп турат. Бир жердеги буу жоголгондо, башка бир жерди буу көрүнгөнчө казышат да, үйдү ошол жерге курушат. Эгер үй курбаса, буу күйүп кетет. Эгер үйдүн эшиги жакшы бекитилбесе, (буу) күйүп кетип, бузулуп калат.

Буттем тоолору үч жерде жайгашкан: Буттем-и нухустинде, Буттем-и миангинде жана Буттем-и дарунинде. Самарканддын, Согдунун жана Бухаранын дарыялары Буттем-и миангинден башталып, Паргарга куят жана Самаркадга жетет. Месхадан баштап суу көбөйө баштайт да, Паргарга келет. Самарканддын сууларына кошулат да, Чаганиан дарыясына жакын жерден өтүп, Афшин кыштагына барат.

Мерсмен аймагында жакшы темир буюмдар жасалат. Темирди Ферганадан казып алышат. Мерсменде базар күн болот, тегеректеги аймактардын эли бүт ушул жерге чогулат, бул айына бир жолу болот.

Чач жана Илак. Эки аймактын аянты – эки-үч күндүк жол. Калкынын жыштыгы жана курулуштарынын көптүгү боюнча бүтүндөй Мавераннахрда буларга тең келе турган аймак жок.

(Бул аймактын) бир чек арасы Чач (дарыясынын) Хорезм деңизине куйган жерине жетет; башка бир чек арасы Сабиджабдын чегиндеги темир кендерине чейин жетет; дагы бир чек арасы Чач аймактарына (чектешип турган) тоолорго чейин жетет. (Дагы бир) чек арасы Вингердге жана христиандарга чейин жетет. Бул жерлердин бардыгы өрөөндөр.

// (260-бет) Туркестандагы аймактардын ичинен Чачтан маанилүү аймак жок. (Мында) көп сандаган кенен курулуштар бар; ар бир сарайда арык жана бак-дарак. Бардык курулуштар ылайдан. Бул аймактын баш шаарын Бинкет дешет, ал эми башка шаарлары булар: Денфанкет, Жинанжкет, Нежакет, Бенакет, Харашкет, Ашбингу, Арделанкет, Худейнкет, Кенкерак, Кележик, Гарженд, Ганнаж, Жебузан, Вердук, Кеберна, Гандранек, Нужекет, Газак, Анудкет, Багункет, Беркуш, Хатункет, Жигукет1, Фаранкет, Кедак, Некалик. Булардын баары Чачтын шаарлары.

Илактын шаарлары мындай: баш шаарын Тункет дешет, аймактары: Сакакет, Банжехаш, Нукке, Балайан, Арбилах, Немудлиг, Туккет, Хумрек, Бискет, Кух-и Сим, Дахкет, Хаш, Харжанкет2.

Баш шаар болгон Бинкеттин шахристанынын сыртында кухендиз бар; кухендиз менен шахристандын дубалдары бири-бирине өтүп турат. (Шаарда) рабад бар, рабаддын дубалы бар, дубалдын сыртында башка бир рабад, анда бустандар жана сарайлар бар. Бул рабад да дубал менен курчалган. Кухендиздин эки дарбазасы бар, бири рабад тарапта, экинчиси // (261-бет) шахристан тарапта. Шахристандын айланасында сеңир созулуп жатат, анын үч дарбазасы бар. Биринчисин Дарваза-йи Абу-л-Аббас, экинчисин Дарваза-йи Кесир жана үчүнчүсүн Дар-и Гунбад3 дешет. Биринчи рабадда он дарбаза бар: биринчиси – Дарваза-йи (Рибат-и) Хамдин, экинчиси – Дар-и Аханин, үчүнчүсү – Дарваза-йи Мир, төртүнчүсү – Дар-и Ферхан, бешинчиси – Дар-и Кеде, алтынчысы – Дар-и Керманиж, жетинчиси – Дарваза-йи Ку-йи Сохл, сегизинчиси – Дар-и Рашидиджак, тогузунчусу – Дар-и Ку-йи Хакан, онунчусу – Дарваза-йи Кушк-и Дихкан.

Сырткы рабадда жети дарбаза бар: биринчиси – Дарваза-йи Фаргад, экинчиси  – Дарваза-йи Хашкет, үчүнчүсү – Дар-и Скакандижак, төртүнчүсү – Дар-и Аханин, бешинчиси – Дар-и Бакардижак, алтынчысы – Дарваза-йи Секрек, жетинчиси – Дарваза-йи Бафариал.

Эмирдин сарайы менен түрмө кухендизде. Мечит да кухендиздин дубалынын жанында. Ички шахристанда чакан базар бар, ал эми чоң базарлар болсо рабад. Шаардын узундугу, үчүнчү сырткы дубалдан шаардын ичи менен сырткы дубалга чейин (эсептегенде) – бир фарсанг.

1 Текстте: Жигукас; өзү Жабгукет болсо керек. 2 Текстте: Харжанкас.

3 Ибн Хаукал жана Мукаддаси боюнча түзүлгөн Бартольддун Бинкетти сыпаттоосунда бул шаардын шахристанынын экинчи жана үчүнчү дарбазаларынын башка аттары да берилген: Кез дарбазасы жана Жунейд дарбазасы.

Ички шахристанда да, рабадда да арыктар бар, рабадда бустандар жана суулар да көп. Сафлаг деген тоодон, Чач өрөөнүнөн баштап улуу дубал созулуп жатат: ал Туркестандан тосуп турат. Бул дубал Абдаллах ибн Хамиддин буйругу менен курулган. Эгер бул тосмодон да өтүп кете турган болсо, // (262-бет) дубалдын алдында терең аң бар, ал тоодон өрөөнгө чейин дубалды бойлоп кетет. Тосмодон аңга чейин бир фарсанг.

Дагы бир дарыя бар, аны Барак[9] деп аташат. Анын бир бөлүгү Бисакамдан[10], бир бөлүгү Чакал[11] аймагынан чыгат жана ал Нежакет шаарына жеткенде Чач өрөөнүнө түшөт.

Илакта да бир дарыя бар, анын аты да Илак. Ал да Туркестандан башталат жана анын сууларынын көбү Чач дарыясына куят.

Илактын баш шаары – Тункет. Чоңдугу боюнча ал Бинкеттин жарымына барабар. Анда кухендиз жана рабад бар, кухендизде эмирдин сарайы, рабаддын ичинде базарлар бар. Шахристан менен Рабадда арыктар бар. Чач менен Илак бири-бири менен биригип турат. Курулуштар, бактар, бустандар Илактан Чач өрөөнүнө чейин үзгүлтүксүз созулуп кете берет. Илактын тоолорунда алтын менен күмүштүн кендери бар. Илак тоосу Фергананын чектерине чейин (созулат).

Бинкет Чачтын бардык шаарларынан чоңураак. Харашкет, Сутуркет[12] сыяктуу Чачтын башка шаарлары андан кичине. Илактын эң чоң шаары – Нукет, ал эми Тункет жана башка шаарлары чаканыраак. Самарканд менен Тункеттен башка жерде Мавераннахрдын акча куйган сарайы жок.

Сапиджаб – чоңдугу боюнча Тункеттин үчтөн бирине барабар шаар. Анда кухендиз жана рабад бар. // (263-бет). Кухендиз бузулган, ал эми шахристан менен рабад мыкты. Шаардын сырткы бөлүгүнүн көлөмү бир фарсанг. Рабаддын ортосунда арыктар агат, бактар жана бус тандар бар…

Шаардан тоонун этегине чейин үч фарсанг. Шахристанда төрт дарбаза бар: Дар-и Нужекет, Дар-и Фархад[13], Дар-и Саракираса[14], Дар-и Бухара. Базар шаарда да, рабадда да, эки жерде бар. Мечит, эмирдин сарайлары жана түрмө – булардын баары ички шахристанда. Сапиджабды эске албаганда, Хорасан менен Мавераннахрда хараж салынбаган шаар жок[15].

Сапиджаб аймагындагы шаарлардын аттары: Бадхекет, Субаникет, Тараз, Атлах, Шелжи, Кедер, Сүткенд, Шавагар, Сабран, Васиж.

Субаникет – Кенжиде аймагынын баш шаары. Кедер – Фарабдын баш шаары. Васиж – Фарабдын шаарларынын бири. Сабран – гуздар бейкут мезгилдерде келип, соода кыла турган жер. Согуш болбогондуктан, бул шаар абдан бай.

Фараб – аймактын аты. Анын узундугу болжол менен бир күндүк жол. Бирок бардык жер бекемделген. Аймак тоолуу, шалбаалар көп. Анын капталында Чач дарыясы менен сугарыла турган өрөөн бар.

// (264-бет) Сүткенд Чач дарыясынын батыш тарабында жайгашкан. Бул ар түрдүү элдер мекендеген шаар. Гуздар, халлухтар жана башкалар мусулман динине өтүшкөн жана алардын баары газий. Фарабдын, Кенжиденин жана Чачтын ортосундагы жайыттарда көчмөндөр көп. Алардын баары мусулмандар, бирок эч кимге баш ийишпейт.

Тараз – түрктөр менен мусулмандардын ортосундагы чек жана ал дубалдар менен курчалган, алардын аты да Тараз. Исламдын чек арасы ушул жерге, мындан харлухтардын чатырларына чейин келет. Бул (ошол эле учурда) Чачтын да чек арасы.

Ходженд Фергананын жанындагы обочо жерде жайгашкан. Ал Чач дарыясынын батыш жээгинде. Шаардын узундугу туурасынан чоңураак, узундугу бир фарсанг. Шаардын ичинде бактар да, бустандар да жок. Бул жерде Кендден башка шаар жок. Анда шахристан жана ку-

хендиз бар, шахристанда мечит бар. Рабаддын чоң базар аянтында эмирдин сарайы, кухендизде түрмө бар. Шаар кооз, мындагы жемиштер абдан сонун, шаардын тургундары эр жүрөк жана келбеттүү. Бирок шаардын байлыгы тургундарды толук канааттандыра бербейт. Ферганадан, Усрушанадан жана башка аймактардан Чач дарыясы менен бул жакка эгин алып келишет. Бул чоң дарыя. Анын негизги агымы Туркестандан, Узгенд менен чектешкен жерден башталат. Хурсаб[16], Урест, Куба, Жидгил жана башка дарыялар кошулганда, чоң суу пайда болот. Ал Ахсикетке бет алат да, Ходжендге жетет жана Бенакетке, Сүткендге жана Парабга чейин барат. Сабрандын чек арасынан өткөндө, // (265-бет) анын эки тарабында гуздардын мекени болот. Бул дарыя Жейхундан эки эсе чоң. Бейкут мезгилдерде аны менен гуздарга эгин алып барышат.

Гуздардын көпчүлүгү – мусулмандар. Алардын борбор шаары – Гуз. Кышында гуздардын падышасы (гуздардын падышасы бар) ушул шаарда болот. Хорезмден бул жерге чейин он күндүк жол, а бул жерден Парабга чейин жыйырма күндүк жол.

Фергана кеңири, бай калкынын саны көп аймактын аты. Анын борбор шаарын Ахсикет дешет. Ахсикет талаада, дарыядан сол жакта жайгашкан. Анда кухендиз, шахристан жана рабад бар. Эмирлердин сарайы жана түрмө кухендизде, ал эми мечит шахристанда, намазгах Чач дарыясынын жээгинде. Шаардын узундугу – үч фарсанг. Шаардын рабады дубал менен курчалган. Ички шахристандын беш дарбазасы[17] бар: Дар-и Бужир, Дар-и Маркаша, Дарваза-йи Касан, Дар-и Масжид-адине жана Дар-и адине менен Дар-и Рихана. Шахристан менен рабадда арыктар менен хауздар бар. Бардык дарбазаларда – бактар менен бустандар. Дарыялар эки фарсанг бою агып турат.

Куба (чоңдугу боюнча) Ахсикет менен барабар. Бул аймактын эң жакшы жери. Мында кухендиз, шахристан жана рабад бар. Кухендиз бузулган. Мечит кухендизде жайгашкан. Базар, эмирлердин саракы жана түрмө рабадда. Рабад дубал менен курчалган, анда бактар менен бустандар, арыктар абдан көп.

Ал (чоңдугу боюнча) Куба менен тең. Анын шахристан менен кухендизи мыкты, эмирлердин сарайы менен түрмө кухендизде. Шахристанда рабад бар. Рабад дубал менен курчалган, а дубал болсо тоого чейин барат, // (266-бет) тоого кароолчулар коюлат; алар туркестандык аскерлерди карап турушат. Ошто үч дарбаза бар: Дарваза-йи Кух, Дарваза-йи Аб жана Дарваза-йи Мугкеде.

Узгенд – Фергана вилайетиндеги климаты жылуураак жер. Ал – Фергана вилайетинин кыйыры жана душмандарга өтө жакын жайгашкан. Узгенд (чондугу боюнча) Оштун үчтөн экисине барабар. Кухендизи жана шахристаны, бактары, бустандары жана арыктары бар.

Бүтүндөй Мавераннахрда Фергананыкындай кеңири айыл-кыштактар жок. Мында узуну да, туурасы да бир фарсанг келген кыштактар бар, адамдар менен унаалар жана айдоо аянттары көп.

Фергананын аймактары[18] мындай: Төмөнкү Нися, Жогорку Нися, Асбара[19], Некад, Миан-Рудан3, Жидгил4, Урест, Бесафар, Ашт. Фергананын биринчи аймагы – Жогорку Нися, анткени Ходжендге бараткандар аны менен өтөт; бул аймактын шаарлары: Ванкет, Сох, Хоканд, Риштан.

Төмөнкү Нисянын шаарлары: Маргинан, Зендерамш, Нежренг, Устикан[20], Андукан. Бул жакта тоолуу жерлер да, талаалар да бар.

Асбара түздүктө жана тоолордо жайгашкан; анын шаарлары: Тамахус, Бамкахус[21], Сох – өзүнчө жаткан шаар. Аувал – шаардын аты жана анын жанында бүтүндөй бир аймак[22] бар. // (267-бет) Ош менен чек аралаш Медва деген шаар бар. Узгенд – шаардын аты жана Узгенд аймагында[23] башка шаар жок.

Миан-Рудан – бул аймак, анын баш шаарын Хайлам дешет. Эмир Абу-л-Хасан Наср ибн Ахмад ушул шаарда жарык дүйнөгө келген.

Керван – шаардын аты, анын айланасында көптөгөн кыштактар бар. Уресттин айланасында да кыштактар көп. Астиакенд (жана) Шелат[24] – Узгенд сыяктуу эле Туркестан менен Миан-Рудан аркылуу байланышкан шаар. Туркестандын курамындагы жети өзүнчө кыштак болгон бул жерди Хафтдих дешет. Азыр (алар) мусулмандарга өттү.

Фергананын чегинде, Некад жана Ахсикет аймактарында алтын жана күмүш кендери бар. Сымап Сох тоолорунан казылып алынат, ал эми Төмөнкү Нися аймагында чайырдын кени бар. Асбара тоолорунда нефтинин кени бар[25] дешет. Бирюзанын, жездин, коргошундун жана темирдин кендери – булардын баары Ферганада. Мен көмүргө окшоп жалындап күйөт деп айткан таштар да ушул тоолордо. Ал күйүп бүткөн соң анын күлүн сууга салып, кир жууганда самын катары колдонушат. Мындан тышкары бул тоолордо жарымы кызыл, жарымы сары, жашыл жана ак таштар бар. Туркестандан Узгендге чейин нашатыр тузунун кендери кезигет жана аны мен жогоруда айткан Буттем тоолорундагыдай кылып алышат.

[1] Текстте түшүнүксүз:

[2] Ушул басылманын тиешелүү бөлүмүн караңыз.

[3] Арсианикет (Арсубаникет, Усбаникет, Субаникет), Куркет (Курдкет) жана Вагкет (Фагкет, кийинчерээк Вагат) деген аталыштардын окулушу жөнүндө ушул китептин тиешелүү бөлүмүн караңыз.

[4] Рабаддын дубалынын диаметри же тегереги.

[5] Текстте: кушкха. Кушк деген термин көп маанилүү жана бул контекстте «замок», «мунара» деп да которулушу мүмкүн (ред. эск.).

[6] В.В.Бартольд (Туркестан…, 224-бет) Дизак (Жизак) жөнүндө (Истахри менен Ибн Хаукалга шилтеме жасоо менен) бул шаар түздүктө, Фекнан районунда болгон деп белгилеген.

[7] В.В.Бартольддун пикири боюнча (Туркестан…., 224-бет), бул Худайсер деген рибат, аны шаардан (Жизактан) бир фарсах алыс жерге Афшин курган.

[8] Текстте: М.с.х.а, П.р.г.р.; В.В.Бартольддун пикири боюнча (Туркестан…, 225-бет), бул эки аталыштын биринчисинин мүмкүн болгон окулушу – Месха (Бабурда – Мача); экинчисиники – Паргар же Фаргар, бул ат кийин Фальгар районунун атында сакталып калган.

[9] Парак (азыркы Чирчик).

[10] Текстте: Б.сакам (азыркы Пскем).

[11] Текстте: Ч.к.л. (азыркы Чаткал); Чигил болуп окулушу да ыктымал (уруунун аты менен салыштырып көрүңүз).

[12] Шутуркет болууга тийиш.

[13] В.В.Бартольд (Туркестан…, 232-бет) – Ферхан дарбазасы.

[14] В.В.Бартольд (ошондо) – Шакран дарбазасы.

[15] Сүйлөмдүн аягы арабча тексттен которулду. Парсыча тексттин ушул жери түшүнүксүз:

[16] В.В.Бартольд (Туркестан…, 216-бет) бул дарыя Хуршаб (азыркы аты Куршаб) деген ат менен эскерилет.

[17] В.В.Бартольд (Туркестан…, 218-бет) Ибн Хаукаланын жана Мукаддасинин маалыматтарына таянуу менен беш дарбазанын төртөөнүн аты белгилүү экенин белгилеген: «Мердкуши дарбазасы (Бухарадагы сыяктуу), Касан дарбазасы, Чоң мечит дарбазасы жана Күрөө дарбазасы (? рихана)».

[18] Текстте: навахи.

[19] Ушул китептин тиешелүү бөлүмүн караңыз. 3 Ушул китептин тиешелүү бөлүмүн караңыз. 4 Ушул китептин тиешелүү бөлүмүн караңыз.

[20] В.В.Бартольд (Туркестан…, 214-бет) – Нежренг – Беренг; Устикан – Уштикан.

[21] Текстте: Т.мах.с жана Бамаках.с В.В.Бартольд (ошондо, 217-бет) – Тамахуш жана Бамкахуш.

[22] Текстте: нахийати.

[23] Текстте: дар амал.

[24] Текстте: Ш.лас, В.В.Бартольд (Туркестан…, 217 -бет) – Шелат.

[25] ЛО ИВАНдын кол жазмасында (С 610 л.111а) бул сөздөрдөн кийин кошумча бар: «Бул чын».

                                                                                      // (268-бет) Жейхундан Ферганага чейинки жол

…Ходжендден Кендге чейин бин күндүк жол жана Кеңдден Сохко чейин бир күндүк жол, Сохтон Риштанга чейин бир күндүк жол, Риштандан Зендерамшка чейин бир күндүк жол, Зендерамштан Кубага чейин бир күндүк жол, Кубадан Ошко чейин бир күндүк жол, Оштон Узгендге чейин бир күндүк жол. Туура жол ушундай.

А эгер Ходжендден Ахсикетке жана Кеңдден Сохко бара турган болсо, бир күндүк жол. Андан Хокандга чейин бир күндүк жол болуш керек, ал эми Хоканддан Ахсикетке чейин бир күндөн ашыгыраак жол. Мавераннахрдын башталышы болгон Феребрден анын кыйырындагы Узгендге чейин 28 күндүк жол.

                                                                                               Чачка кеткен жолдун узундугу

Чачтан мусулман чегине чейин: Абаркеттен Катавандизеге чейинки Чачка кеткен жол // (269-бет) Рибат Абу Ахмадга кеткен эле жол. Бул жол менен баратканда сол кол тарапка кеткен жол Чачка кеткен жол болот. А эгер Катаван-дизеге бара турган болсо, бир күндүк жол болот, эгер Хараканага кете турган болсо, бул да бир күндүк жол болот. (Чачтын) бул жеринен Дизакка, Дизактан Хусайндын кудугунан өтүп Хамиддин кудугуна, анан Вингердге, Уштуркетке, Тункетке, анан Анфуран деген Келастагы Рибатка, анан Гузкерд кыштагына, анан Сапиджаб менен Будахкетке барат. Ал эми Будахкеттен Таразга чейин эки күндүк жол, бул жолдо отурукташкан эл жок.

А эгер Бенакетке кеткен жолго чыга турган болсо, Абаркеттен Рибат-и Садга, андан Заминге, Заминден Хаваска, Хавастан Бенакетке барат да, андан кийин гана Уштуркет болот. Жейхундун жээгинен Таразга чейин бардыгы болуп 22 күндүк жол.

                                                                                                                   V

                                                                // (273-бет) Усрушананын (баш) шаарына карата аралыктар

Хараканадан Дизакка чейин беш фарсанг, Хараканадан Заминге чейин тогуз фарсанг, Заминден Сабатка чейин үч фарсанг, Нужекеттен Хараканага чейин эки фарсанг. Арсианикет Фергананын чегинде жайгашкан, Усрушананын (баш шаарынан) бул жерге чейин жети фарсанг. Усрушананын (баш шаарынан) Фагкетке чейин Ходжендге кеткен жол менен үч фарсанг, Фагкеттен Газакка чейин эки фарсанг, Газактан Ходжендге чейин алты фарсанг.

                                                                 Чач менен Сапиджабдын шаарларынын ортосундагы аралыктар

Бенакет Чач дарыясынын жээгинде жайгашкан. Андан Харашкетке чейин бир фарсанг, Харашкеттен Худайнкетке чейин бир фарсанг, андан Уштуркетке чейин үч фарсанг, // (274-бет) жана бул жерден Денфеганкетке чейин эки фарсанг, ал жерден Залтикетке чейин бир фарсанг жана ал жерден Илак багытындагы Бинкет менен Тункетке кеткен Бенакет жолу менен Бинкетке эки фарсанг. Тункеттен Нугкетке чейин бир фарсанг, андан Балайанга чейин эки фарсанг, андан Нукетке чейин бир фарсанг.

                                                                Парак жана Илак дарыяларынын ортосундагы аралыктар

Чыгыш багытындагы Илакка кеткен жол: Бинкеттен Жигукетке чейин эки фарсанг, Фаранкетке чейин да-эки фарсанг, ал эми Анудкетке чейин бир фарсанг. Кедак, Гадранк, Кеберна, Газак, Вердук жана Жебузан – булардын бардыгы бири-биринен күнчүлүк алыстыкта.

Батыш багытындагы Илакка кеткен жол: Парак дарыясы менен Илак дарыясынын ортосундагы Ашбингу, Кележик, Арделанкет, Бискет, Самсирек, Хамрак жана Ганнаж менен кетет. Булардын бардыгы бири-биринен күнчүлүк аралыкта.

Илак аймагы менен Илак дарыясынан тартып Бенакет, Нункет жана Чач дарыясынын ортосундагылар: Гарженд, Хаш, Дахкет, Туккет жана Кух-и Сим-эки күндүк // (275бет) жол…[1]

Батыш тарапка кеткенде Илак дарыясы менен Чач дарыясынын ортосунда Тункет, Арбилах жана Намудлиг дарыялары (аянты беш чарчы фарсанг) (бар); Жинанжекет Бинкетке кеткен тараптагы Вингерд жолунда. Андан Чач дарыясына чейин эки фарсанг. Нежакет Чач өрөөнүн дө жайгашкан жана бул жерден Бенакетке чейин аралык үч фарсангды түзөт.

Кенкерак Парак дарыясынын жээгинде, Худейнкеттин чек арасына бир фарсанг жакын жерде. Ушул дарыя менен Чач шаарынын дубалынын ортосунда Хатункет жайгашкан. Ал жерден чыгыш багытындагы Харганкетке чейин төрт фарсанг.

Бинкеттен Сапиджабга чейин төрт күндүк жол, Сапиджабдан Усбаникетке чейин эки күндүк жол, Усбаникеттен Кедерге, Парабдын баш шаарына чейин эки күнгө бир аз жетпеген жол. Кедерден Савагарга[2] (жана) Сабранга[3] чейин бир күндүк жол. Васиж дарыянын батыш тарабында, Кедерден эки фарсанг алыстыкта, ал эми Параб дарыян ын батыш тарабында жайгашкан. Дарыя менен Кедердин ортосу жарым фарсангдык жол. Ахсикеттен Шикитке чейин тогуз фарсанг, бул Миан-Рудан аймагынын башталышы. Ахсикеттен Шелатка, Миан-Рудандын аягына, чейин беш фарсанг.

Ахсикеттен Касанга чейин беш фарсанг. Касандан түндүктөгү Нежмага чейин бир күндүк жол. Ахсикеттен Кеванга чейин жети фарсанг жана Раштка чейин тогуз фарсанг. Рашттын чек арасы Илактын чек арасына чейин барат. Керван Ахсикет менен Касандын ортосунда жайгашкан. Ахсикеттин дарбазасы Чач дарыясына карайт.

// (276-бет) Кенд менен Чач дарыясынын ортосу бир күндүк жол, Кубадан Устиканга чейин болжол менен үч фарсанг. Кубадан Ахсикетке жана Сохтон Бамкахуска чейин беш фарсанг. Ал эми Бамкахустан Сохко чейин бардык (жерлерди) аймак3 ээлейт.

Сохтон Ужнага кеткен жолдогу Аувалга чейин болжол менен он фарсанг. Кубадан чыгыш тараптагы Некадга чейин жети фарсангдай бар. Бул эки аймак бири-бири менен чектешип турат.

Оштон Медвге чейин эки фарсанг, Ванкеттен Хайламга чейин үч, Хайламдан Шелатка чейин жети фарсанг. Шелат менен Астиакенддин биз жогоруда айткан себептен улам, (атап айтканда) капырлар менен чектешип тургандыктан, баш шаары жок.

[1] Тексттин ушул жери түшүнүксүз:

[2] Истахринин арабча текстинде – Шавагар (ВСА, I, 346-бет, ушул басылмадан караңыз). В.В.Бартольддо (Туркестан…, 234-бет, 7-эскертүү) Батыш Шавгар (азыркы Туркестан шаары); Таласка кеткен жолдогу кийинки Куюк кыштагынын жанындагы Чыгыш Шав(а)гар Истахриде да, Ибн Хаукалда да эскерилбейт (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 317-бет) (ред. эск.).

[3] Истахринин арабча текстинде – Шавагардан Сабранга чейин бир күнгө жетпеген жол; Сабран (Сауран же Савран) жөнүндө караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 234-бет (ред. эск.).

                                                                       ХУДУД АЛ-АЛАМ

Автору белгисиз Китаб Худуд ал-алам мин ал Машрик ила-л-Магриб («Чыгыштан батышка карай дүйнөнүн бөлүнүшү тууралуу китеп») – орто кылымдардагы Чыгыштын географиялык адабиятынын эң алгачкы жана эң баалуу эстеликтеринин бири.

Бул эмгектин жалгыз кол жазмасынын 1892-жылы Бухарадан кантип табылгандыгы А.Г.Туманскийдин[1] (бул ачылыш ушул кишинин аты менен байланыштуу) макаласында баяндалган; анда кол жазмага жалпы мүнөздөмө берилген.

Эстеликтин факсимилдик чыгарылышы кеңири кириш сөзү жана көрсөткүчү менен академик В.В.Бартольд тарабынан 1930-жылы ишке ашырылган[2]. 1961-жылы Худуд ал-аламдын толук тексти Тегеранда жарык көргөн[3]. Текст англис тилине толугу менен которулган, В.Ф.Минорский тарабынан аткарылган бул котормодо кеңири илимий комментарийлер берилген жана мында текст боюнча калыбына келтирилген 12 географиялык райондун картасы бар[4]. Бирок кыргыздар менен тарыхый байланышы бар Тянь-Шань менен Енисейдин карталарын В.Ф.Минорский берген эмес.

Изилдөөчүлөр бул эстеликке көп кайрылышат, ал көптөгөн авторлор тарабынан тарыхый-географиялык булак катары пайдаланылган. Худуд ал-аламдын орусча котормосу айрым түшүндүрмөлөр менен «Материалы по истории туркмен и Туркмении» деген эмгектин биринчи томуна киргизилген[5].

Автору белгисиз Худуд ал-алам 372/982–83-жылдары саманид вассалдарынын бири – Феригуниддердин тукумунан чыккан Гузган аймагынын беги Абу-л-Харис Мухаммад ибн Ахмадга арналып жазылган. Бул географиялык эмгектин максаты, автор өзү жазгандай, дүйнөнүн ага белгилүү болгон калк жашаган бөлүгүн жалпы жонунан чагылдыруу болгон. Эмгектин эң баалуу бөлүгүн Орто Азиянын жана ага коңшулаш Иран менен азыркы Түндүк Афганистандын райондорунун баяндамасы түзөт.

Эмгек структурасынын абдан ырааттуулугу менен айырм аланат: биринчи алты бапта жалпы физикалык география боюнча маалыматтар берилет; андан кийин авторго белгилүү болгон аймактардын (52) административдик-экономикалык баяндамасы келет, алар чыгыштан батышты көздөй кетет да, мында автордун кабыл алган системасындагы айрым ыраатсыздыктар бар. Адегенде ар бир аймактын чек аралары жана коңшу аймактары менен элдери аталат; өлкөлөр боюнча маалыматтар бир кылка берилген.

Көлөмү чакан бул географиялык эмгектин жакшы жагы – изилдөөчүлөр белгилеп жүргөндөй, кыскалыгына карабастан географиялык материалдын толук камтылышы жана араб авторлорунун эмгектерине салыштырмалуу, чек аралардын тагыраак жана системалуураак болуп сандар менен берилиши[6]. «Анын негизги мааниси, – деп жазат В.В.Бартольд,– бизге келип жеткен араб географтарынын эмгектерине караганда түрктөрдүн жерлери жана жалпы эле Орто Азиянын мусулман бөлүгү тууралуу алда канча кеңири маалыматтардын берили шинде»[7].

Автор өзү атабай кеткен Худуд ал-аламдын жазма булактарынын ичинен изилдөөчүлөр араб тилдүү географтардын: Балхинин, Истахринин, Ибн Хордадбектин, Жейханинин[8] (өзгөчө мындагы түрк элдери тууралуу баптардагы маалыматтар) жана башкалардын эмгектерин аныкташты; Худуд ал-аламдын айрым бөлүктөрүндө Аристотель менен Птолемейдин тийгизген таасири шексиз экени байкалат. Ушуга байланыштуу окумуштуулар Худуд ал-аламдагы айрым маалыматтардын эмгектин жазылыш мезгили менен туура келбей тургандыгын жана калыбы, алар мурунку жазма булактардан алынгандыгын да белгилеп жүрүшөт, бирок жалпысынан алганда, Худуд ал-аламдын автору географиялык системалаштырууда да, терминологияда да бир топ өз алдынчалыкты көрсөткөн.

Худуд ал-алам В.В.Бартольд тарабынан кыргыз элинин тарыхы боюнча эң алгачкы кызыктуу булактардын бири катары көрсөтүлгөн[9].

Автору белгисиз бул географиялык эмгекте чынында эле кыргыздар тууралуу бир катар түздөн-түз эскерүүлөр бар: эмгектин бир бөлүгү кыргыздардын өзүнө арналган («Кыргыз аймагы тууралуу сөз» – л. 176); мындан тышкары коңшулаш аймактар жана элдердин баяндамасында кыргыздар 11 жолу эскерилет. Азыркы Кыргызстандын территориясына түздөн-түз тиешеси бар айрым географиялык пункттар жөнүндөгү маалыматтар да тарыхчылар үчүн бир топ кызыктуу. Бирок булакты пайдаланууда, В.В.Бартольд белгилегендей, айрым маалыматтардын бир топ мурунку мезгилдерге, атап айтканда, IX кылымга жана X кылымдын башталышына тиешелүү экендигин эске алуу керек. Кыргыздар жөнүндөгү тике жана кыйыр маалыматтардын бардыгы төмөндө булактагы ырааттуулугу боюнча берилди.

Үзүндүлөр В.В.Бартольдлун басылмасы боюнча которулуп, ЛО ИВАНда С 612 деген шрифт менен сакталып турган кол жазма боюнча текшерилди.

Үзүндүлөрдүн которулушунда В.Ф.Минорскийдин англисче котормосу менен анын илимий комментарийлери пайдаланылды жана муну менен эки ача максат-текстте кездешкен географиялык пункттардын аталышын тактоо жана маалыматтардын булагын аныктоо максаты көздөлдү. В.Ф. Минорскийдин кыргыздарга түздөн-түз тиешелүү айрым эскертүүлөрү да котормого киргизилди; мындан тышкары колдо бар илимий адабияттардын негизинде айрым түшүндүрмөлөр берилди.

[1] А.Г.Туманский, Новооткрытый персидский географ X столетия и известия его о славянах и руссах, 121–137-беттер.

[2] Кабыл алынган кыскартуулардын тизмесин караңыз.

[3]     Бизде сейрек кездешчү бул китепти Ю.Е.Борщевскийден алып турдук жана бул үчүн ага ыраазычылык билди ребиз.

[4] Кабыл алынган кыскартуулардын тизмесин караңыз.

[5] МИТТ, I том, 41–42, 209–217-беттер.

[6] Худуд ал-алем. Туманскийдин кол жазмасы, 22-бет. Мындан тышкары караңыз: В.В.Бартольд, Гилян по рукописи Туманского, 63–66-беттер.

[7] Худуд ал-алем. Туманскийдин кол жазмасы, 15–16-беттер; В.В.Бартольд, Туркестан…, 58-бет.

[8] Караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 58-бет.

[9] Караңыз: В.В.Бартольд, Киргизы, 491–492-беттер.

                                                                                            Худуд ал-аламдан алынган үзүндүлөрдүн котормосу

                                                                                                                                                     I

// (26-бет) Деңиздердин жана булуңдардын табияты тууралуу сөз. Биринчи, мен жогоруда Чыгыш океан деген ат менен эскерген Жашыл деңиз[1]. Анын узундугу белгилүү болгондой, түштүктөгү калк жашаган кыйырдан экваторго, Ваквак аралына, Ваквак шаарларына, Чинистан өлкөсүнө жана тогузгуздар менен хырхыздардын шаар ларына[2] чейин; бул деңизде белгилүү булуңдар жок.

// (36-бет) Онунчу көл – халлухтардын (аймагындагы) Туз-Көл[3]. Анын узундугу – он фарсанг, туурасы – сегиз фарсанг. Анда туз бар жана ал жети халлух уруусу үчүн (жетиштүү). Он биринчиси, чигилдер менен тогузгуздардын ортосундагы Ысык-Көл[4]. Анын узундугу – 30 фарсанг, туурасы – 20 фарсанг, Барсхан шаары ушул көлдүн жээгинде.

[1] Текстте: Дарйа-йи Ахзар. Худуд ал-аламдын автору (2а-б.) аны Дарйа-йи Сабз-Чыгыш океан деп да атайт.

[2] Парсы тилиндеги шахр «шаар» деген сөз менен берилди, бирок бул жерде шахр араб тилиндеги «шаар» эле эмес, «аймак» деген маанини да билдире турган балад деген сөздүн ордуна колдонулса керек. Ошондуктан котормо мындай болушу да мүмкүн, «тогузгуздар менен хырхыздардын аймактарына чейин»; бул өзгөчө кыргыздар үчүн туура болор эле, анткени төмөн жакта хырхыздардын кыштактары да, шаарлары да (хакандын турган жерин эске албаганда) жок деп айтылат,

(булактын 176-б.) (ред. эск.)

[3] Текстте: Тузкук. В.В.Бартольд (Худуд ал-алем, 20-бет) көлөмдөрүндөгү айырмачылыктарына карабастан бул көл тууралуу маалыматтар жанаша эскерилген Ысык-Көлгө да тиешелүү болушу мүмкүн деп эсептеген.

[4] Текстте: Айскук. В.В.Бартольд бул кабарды Ысык-Көлдүн мусулман авторлору тарабынан биринчи эскерилиши катары эсептөө менен бул көлдүн жазма эстеликтерде алгачкы жолу VII кылымдагы кытай саякатчысынын аңгемесинде эскерилгенин белгилеген. (Отчет о поездке в Среднюю Азию…, 59-бет).

                                                                                                          II

                                                                          // (6а-бет) Тоолор жана алардагы кендер тууралуу сөз

…Тогузгуздардын чек арасынын башталышынан, Ысык-Көлгө жакын жерден дагы бир тоо башталат да, тухсилердин (аймагынын) соңуна жана халлухтардын чек арасынын башталышына чейин барып, кайра имерилет; анын бир тармагы хырхыз урууларынын[1] биринин аймагына барып такалат. Бул тоону Тулас дешет. Бул тоодо киш бар, (ошондой эле) боз тыйын чычкан менен жыпардуу эликтер да көп. Ал эми хырхыздардын аймагына карай кеткен тармакта жыпардуу эликтер, хуту мүйүздүү (эликтер), боз тыйын чычкан жана киш бар.

// (76-бет) Түндүк аймакта, кимактардын чек арасы менен хырхыздар жашаган аймактын ортосунда дагы бир тоо (жайгашкан). Ал кимактардын чек арасынан башталат да, чыгыш тарапка, хырхыздардын чек арасына чейин барып, анан кайра түндүккө имерилет да, дүйнөнүн калк жашабаган жерине барып бүтөт. Түндүктөгү кимактар бул тоону Кандаурбаги[2] дешет.

[1] Текстте: кауми аз хирхиз.

[2] Кимактар менен хырхыздардын ортосунда созулуп жаткан бул тоону – Канадауртагини (салыштырыңыз: Худуд ал-алам, Минорскийдин котормосу, 66 -бет) В.Ф.Минорский (булактын 66-бетинде эскерилген Тулас тоосу сыяктуу эле) Иртыштын батыш тарабындагы дөңсөөлөргө уланып кеткен Алтай тоолору (Иртыштын башатына жакын аймак) болсо керек деп божомолдойт; бул дөңсөөлөрдүн бири, сыягы, кийинки мезгилдерге чейин эле Капйауаг деп аталып келген (Худуд ал-алам, Минорскийдин котормосу, 202-бет).

                                                                                                  III

                                                                                // (8б-бет) Дарыялар тууралуу сөз

// (9а-бет) Анан дагы бир дарыя бар, аны Ила дешет. Ал Иргаж-арт тоосунан башталып, түндүккө карай агат да, Ысык-Көлгө[1] келип куят.

// (96-бет) Узгенд дарыясы халлухтардын ары жагындагы тоолордон башталат да, Узгенд, Баб, Ахсикет, Ходженд жана Бенакет шаарларын жандап өтүп, Чачтын чегине чейин барат. Анан Сүткенддин, Парабдын жана башка көптөгөн шаарлардын жанынан өтүп, Женд менен Жаваранын[2] чегине жетет да, Хорезм деңизине куят.

Дагы бир дарыя – Хурсаб; (ал) Бутмандын кыйырынан, тоонун түндүк тарабынан башталат да, Хурсаб шаарынын жанына келгенде Узгенд дарыясына куят.

Анан Ош дарыясы[3], ал жанагы эле тоодон башталып, Ош менен Уресттин ортосунан өтөт да, Узгенд дарыясына куят.

Куба дарыясы да ошол эле тоодон башталып, Кубадан алыс эмес жерде Узгенд дарыясына куят.

Анан Хатлам дарыясы; ал Манса тоосунан, халлухтар менен ягмалардын чек арасынан башталат да, Хатламга жетип, андан кийин Бабга келгенде Узгенд дарыясына куят.

Анан Парак дарыясы; ал халлухтардын тоосунан башталат да, түштүккө карай агат, анан Чачтын чек арасын бойлоп өтүп, Бенакет менен Келас дубалынын ортосуна келгенде Узгенд дарыясына куят. Бул суулардын баары кошулганда, аны Чач дешет, арабдар бул дарыяны Сейхун[4] деп аташат.

// (106-бет) Жана да Рас дарыясы; (ал) түндүк кыйырларда, гуздардын өлкөсү менен агат. Бул чоң, бирок ылай жана сасык суу. Ал кимактар менен хырхыздардын чек арасындагы тоодон башталып, гуздардын аймагын кесип өтөт да, Хазар деңизине куят[5].

[1] Текстте: Абискук. Мында Ила дарыясы деп Тянь-Шандын борбордук бөлүгүнөн, Иргаж тоо кыркасынан башталуучу Или дарыясы айтылса керек. Ал Тянь-Шань тоо кыркалары менен түштүк жунгар линиясы түзгөн бурчту кесип өтөт да, Балхаш көлүнө куят (Худуд алаламда ал Ысык -Көлгө куят деп жаңылыш айтылат). Караңыз: Худуд ал-алам, Минорскийдин котормосу, 195–196, 208-беттер.

[2] Текстте: Хавара, Тегерандан чыккан басылмада (42-бет) Жавара болуп калыбына келтирилген.

[3] В.В.Бартольддун пикири боюнча (Туркестан…, 216-бет), мындагы Ош дарыясы (Ак-Буура) менен Урес дарыясы бир.

[4] Сыр дарыянын бассейнинин бул бөлүгүнүн тарыхый-географиялык кеңири баяндамасын Бартольддун эмгектеринен караңыз (Туркестан…, 226–233-беттер; К истории орошения …, 219–224-беттер); мындан тышкары В.Ф.Минорскийдин комментарийлерин да караңыз (Худуд ал-алам, 210–211-беттер).

[5] В.Ф.Минорский Рас дарыясын Гардизинин Сыр дарыядан кимактарга кеткен жол тууралуу эскерүүсүндөгү Асус дарыясы менен бир деп эсептейт. Караңыз: В.В.Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию…   Приложение, 107-бет.

                                                                                              IV

                                                                 // (12а-бет) Кумдар жана чөлдөр тууралуу сөз

Чиндин түндүк тарабында жайгашкан дагы бир чөл бар; анын чыгышында – Чыгыш океанынын (бассейни), түштүгүндө – Чиндин провинциялары, батышында – Куча дарыясы, түндүгүндө – тогузгуздар менен хырхыздар.

                                                              // (13а-бет) Дүйнөнүн өлкөлөрү тууралуу сөз

Өлкөлөр бири-биринен төрт белги боюнча айырмаланат. Биринчиден, суусу, абасы, жери жана ысык менен суугу боюнча; экинчиден, дини, диний мыйзамдары жана ишенимдери боюнча; үчүнчүдөн, диалектилери жана тилдери боюнча; төртүнчүдөн, башкаруусу боюнча.

Ал эми бир өлкөнүн чек арасы экинчи бир өлкөнүн чек арасынан үч белги боюнча бөлүнөт: биринчиден, эки өлкөнүн ортосундагы чоң же кичине тоолор боюнча; экинчиден, эки өлкөнүн ортосунан өткөн чоң же кичине дарыя лар боюнча; үчүнчүдөн, эки өлкөнүн ортосунда жаткан чоң же кичине чөлдөр боюнча.

Бирок румдуктар калк жашаган дүйнө үч бөлүктөн турат деп айтышкан. Биринчиси, чыгышка карай кеткенде Чыгыш океаны, тогузгуздар менен хырхыздардын чек аралары, түштүккө карай кеткенде Улуу деңизден Кульзумга чейин, батышка карай кеткенде Сирия жана Рум өлкөлөрү Константинополь кысыгы менен, Саклаб өлкөсү нүн чек аралары жана калк жашаган дүйнөнүн кыйырлары. Мына ушул бөлүктү Улуу Азия дешет. Бул бөлүк калк жашаган дүйнөнүн үчтөн экисин түзөт жана ал түн дүк аймактарга кирет.

Экинчи бөлүк: батышында-экватордон Рум деңизине чейинки Египеттин чек арасынын башталышы, түштүгүн дө – Магриб аймактары менен Судан аймактарынын ортосундагы чөл, батышында – Батыш океан, түндү гүндө – Рум деңизи. Бул бөлүктү Лубийа[1] дешет жана бул бөлүк түндүктөгү калк жашаган аймактардын он экиден бир бөлүгүн түзөт.

Үчүнчү бөлүк: чыгышында – Константинополь кысыгы, түштүгүндө – Рум деңизи, батышында – Батыш океан, түндүгүндө – дүйнөнүн калк жашаган өлкөлөрүнүн түндүк кыйырлары. Бул бөлүктү Аузуфи[2] дешет жана ал калк жашаган дүйнөнүн төрттөн бирин түзөт.

Ал эми калк жашаган дүйнөнүн түштүк аймактарындагы бөлүгүнө келе турган болсок, аны румдуктар «түштүк түн калк жайгашкан өлкөлөрү» дешет.

Дүйнөнүн калк жашаган бөлүгү 51 өлкөдөн турат; алар дын ичинен беш өлкө экватордун түштүгүндө жана алар – Заба, Зангистан, Хабаша, Буджа жана Нуба. Бир чыгыш өлкөсүнүн жарымы түштүктө, жарымы түндүктө жана экватор аны кесип өтөт, бул өлкө – Судан. Калк жашаган дүйнөнүн төрттөн бирин (түзгөн) кырк беш өлкө түндүк тарапта жайгашкан жана бул өлкөлөр: Чин, Тибет, Хиндустан, Синд, Хорасан жана анын тегереги, Мавераннахр жана анын тегереги Керман, Парс, Карас-Кух чөлү, Дайламан, Хузистан, Жабал аймагы, Ирак, Араб өлкөлөрү, Жазира, Адарбадаган, Шам, Миср, Магриб, Андалус, Рум, Сарир, Алан, Хазар, Саклаб, печенег хазарлар, Мирват, ички Булгар, Рус, Мажфур, Б.н.н.д.р, түрк печенегдер, Бур(а)дас, Буртас, Хифчак, Гуз, Кимак, Чигил, Тухси, Халлух, Йагма, Тогузгуз жана Хырхыз. Бул өлкөлөрдүн ар бири // (136-бет) аймактарга бөлүнөт жана аймактардын ар биринде көптөгөн шаарлар бар.

Башка бир бапта биз ар бир өлкөнүн жана шаардын чоңдугун, алардын жаратылышы менен климатын, алардан чыга турган таң каларлык нерселерди, ар бир өлкөнүн жана шаардын башкарылышын, андагы элдердин каадасалттары менен диндерин сөз кылабыз, булардын баары мен мурунку китептерден тапкан, же уламыштардан уккан деңгээлде берилет, анткени дүйнөнүн бардык жагдайларын кудурети күчтүү Алла Тааладан башка эч ким билбейт. Алла Тааланын кудуретинен өткөн нерсе жок!

[1] Ливия – араб географтары бөлүштүргөн Жердин бир бөлүгүнүн аты. Лубийа (Аивия) деген атты алар Африка үчүн, тагыраак айтканда, Африка континентинин аларга белгилүү болгон бөлүгү үчүн колдонушкан. Караңыз: И.Ю.Крачковский, Арабская географическая литература, 103-бет (ред. эск.).

[2] Текстте жаңылыш берилген, Ауруфи, Авруфи (азыркы Европа) болуш керек.

                                                                              Чинистан өлкөсүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз

Чинистан – чыгышында деңиз, Чыгыш океан, түштүгүндө – Ваквактын тегереги, Сарандиб тоосу жана Улуу деңиз[1], батышында – Индия жана Тибет, түндүгүндө – Тибеттин кыйыры, тогузгуздар менен хырхыздар жайгашкан өлкө. Бул аймак сууга бай, мында алтын кендери көп. Бул аймакта тоолор жана чөлдөр, деңиздер жана кумдар бар. Алардын падышасынын аты – Фагфури-йи Чин жана аны Феридундун тукумдарынан дешет. Чин падышасынын 360 аймагы бар, жылдын ар бир күнүндө анын казынасына аймактардын бирөөнүн кирешеси келип түшүп турат деп да айтышат. Бул өлкөнүн адамдары – чебер кол өнөрчүлөр, алар укмуштуу нерселерди жасап алып, Гайан дарыясы[2] менен Тибетке соода кылганы барышат. Алардын көпчүлүгү дини боюнча – манихейлер, алардын падышасы бутпарас дининде3. Бул аймактан алтын, жибек кездемелерди, жылма жибекти, мыкты кытай баркытын, саймалуу жибек кездемелерди, кытай хавхирин (?), өзгөчө ылайды, корицаны, бычак сап жана башка укмуштуу нерселерди жасай турган хуту мүйүзүн[3] алып кетишет. Бул өлкөдө пилдер менен кериктер бар.

[1] Улуу деңиз деп автор Индия океанын айтып жатат.

[2] Текстте:  Тегерандан чыккан басылмада бул сөздү басып чыгаруу чу . (59-бет) деп окуган, В.Ф.Минорский (Худуд ал-алам, 84-бет) Гийан (Инан) деп окуган. 3 Текстте: шамани.

[3] Хуту мүйүзү – «ажыдаардын мүйүзү» (шах-и аждаза), XIII кылымда жашап өткөн автор Мухаммад Наджиб Бекрандын сөзүнө караганда, кымбат бааланган. Бул Кытайдан жана Грециядан келүүчү чоочун жаныбардын мүйүзү болгон (Жахан-наме, ЛО ИНАнын кол жазмасы, шифр Е 612, 226-бет). В.В.Бартольд (Киргизы, 493-бет) хуту мүйүзү түндүктөн келүүчү морж менен нарвалдын азуусу болсо керек деп божомолдойт.

                                                                                                                         V

                                                        // (166-бет) Тогузгуздардын аймагы жана андагы шаарлар тууралуу сөз

Чыгышында – Чин өлкөсү, түштүгүндө – жарым-жартылай Тибет, жарым-жартылай халлухтар, батышында – хырхыздардын айрым бөлүктөрү, түндүгүндө – анын чек арасын бойлой жайгашкан хырхыздар. Бул аймак түрктөр дүн башка аймактарына караганда чоң жана калкынын көп экени да шексиз. Бүтүндөй Туркестандын падышалары да илгертен эле тогузгуздардан болгон. Алар согушчан эл жана курал-жарагы да мыкты. Жайы-кышы жайыт жана жагымдуу аба ырайын издеп көчүп жүрүшөт. Бул аймактан // (17а-бет) жыпарды көп алып кетишет, ошондой эле калтар, кадимки жана башка түстөгү түлкүл өрдүн терилерин, тыйын чычкан менен киштин терилерин, арс чычкандын, ласканын жана сабижанын терилерин, хуту мүйүзү менен топоздордун букаларынын мүйүздөрүн алышат. Бирок аймак (жалпысынан) бай эмес жана алардын (тогузгуздардын) негизги байлыгы жогоруда мен айткан нерселер, ошондой эле кой, уй жана жылкы. Бул аймакта дарыялар эсепсиз. (Тогузгуздар) түрктөрдүн ичинен эң байы, татарлар да тогузгуздардын урууларынын бири.

Чинанжкет – тогузгуздардын баш шаары, орточо шаар, падышанын турган жери, Чин менен чектеш. Жайында бул жерде абдан ысык, кышында абдан жакшы. Жакын жерде бир тоо бар, аны Т.фкан дешет жана андан бир аз узагыраакта беш кыштак бар, алардын атгары: Кузарак, Жамлакат, Банжикет, Барлуг, Жамгир; тогузгуздардын падышасы жайында адатта Банжикетте болот. Тогузгуздардын түндүгүндө чөл бар, (ал) тогузгуздар менен хырхыздардын ортосунан кимактардын аймагына чейин созулат.

// (17а-бет) Йагмалардын аймагы жана андагы шаарлар тууралүу сөз

Кашгар Чинистан аймагына карайт, бирок ал йагмалардын, Тибеттин, хырхыздардын жана Чиндин ортосунда жайгашкан. Кашгардын башчылары[1] илгери халлухтардан же йагмалардан болгон.

[1] Текстте: михтаран.

                                                                                           // (176-бет) Хырхыздардын аймагы тууралуу сөз[1]

Чыгышында – Чин аймагы жана деңиз – Чыгыш океан, түштүгүндө – тогузгуздардын кыйыры жана жарым-жартылай халлухтар, батышында – кимактардын жерлери жана (түндүгүндө) түндүктүн калк жашабаган өлкөлөрү. Бул аймактын айланасы таптакыр элсиз, ал эми түндүктүн калк жашабаган өлкөлөрү ушунчалык суук болгондуктан, ал жерде адамдар жашай албайт. Бул аймакта жыпар, түрлүү айбанаттардын терилерин, ак терек[2] жана халаж жыгачын, бычак сап үчүн хуту мүйүзүн өндүрүшөт. Алардын башкаруучусун хырхыз – хакан дешет. Булар жапайы айбандарга окшогон эл; жүздөрү одуракай, түгү аз, адилетсиз жана таш боор, абдан согушчандыгы жана чыр-чатакка жакындыгы менен айырмаланат, алар тегерегиндеги элдердин баары менен согушуп, касташып жүрөт.

Алардын байлыгы – хырхыз арабалары[3], кой, уй жана жылкы. Алар суу, кургак чөп, (жагымдуу) аба ырайын жана жашыл шалбааларды (издеп) көчүп жүрөт. Алар отко сыйынышат жана өлгөндөрдү өрттөшөт. Алар боз үйлөрдө жана чатырларда жашашат, аңчылык кылышат.

Фури – элдин аты, булар да хырхыздардан; хырхыздардан чыгышта турушат жана башка хырхыздар менен аралашпайт. Киши жейт жана аёо дегенди билбейт, алардын тилин башка хырхыздар түшүнбөйт, алар жапайы айбандарга окшош[4], алардан алыс эмес жерде Кемижкет[5] деген шаар бар, анда хырхыз – хакан турат.

Кесим[6] – башка бир элдин аты, булар да хырхыздардан, тоодо, чатырларда турушат, тери, мускус, хуту мүйүзүн жана башкаларды өндүрүшөт. Бул – хырхыз урууларынын бири[7], алардын тили халлухтардыкына жакын, кийими кимактардыкына окшоп кетет.

Хакан турган жерден башка жерлерде бул ар түрдүү хырхыз урууларынын бардыгынын, албетте, шаарлары да, кыштактары да жок, бардыгы чатырларда турушат.

[1] Бул жөнүндө кенен маалымат алыш үчүн караңыз: В.В.Бартольд, Киргизы, 493–494-беттер.

[2] В.В.Бартольд (Киргизы, 493-бет) мында кайыңдын кабыгы тууралуу сөз болуп жатса керек деп божомолдойт.

[3] В.В.Бартольд (Киргизы, 493-бет) бул сөздү жехазха, б.а., «арабалар» же «кайыктар» деп окуйт. В.Ф. Минорский (Худуд ал-алам, 96-бет) чехазха деп окуйт да, «кыргыз товарлары» деп которот.

[4] В.Ф.Минорский (Худуд ал-алам, 283–286-беттер) мындагы фури элинин сүрөттөмөсүн Гардизидеги хырхыздарга бараткандагы бир жапайы уруунун сурөттөмөсүнө окшоштурат (караңыз: В.В.Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, 110–111-беттер). Ушул эле фури (кури) элин В.Ф.Минорский Ауфиде эскерилген турктөрдүн мерке (же кун) уруусуна окшотот жана курилер Байкалдын тегерегинде болгон деп божомолдойт. Кун жана коман деген аттардын бирдейлиги жөнүн дөгү И.Маркварттын гипотезасын В.Ф.Минорский шектүү жана жасалма деп эсептейт.

[5] В.В.Бартольд (Киргизы, 494-бет) бул шаардын атын Микижкет деп окуйт жана аны Тан-шудагы кыргыздардын жалгыз шаары же кыштагы менен байланыштырат (И.Бичуриндин транскрипциясында – Мидичжы, Шоттто-Мидичжита).

[6] В.Ф.Минорский (Худуд ал-алам, 286-бет) кесим элинин турган жери кыргыздардын батышында болгон деп божомолдойт жана бул Чынгыз хандан кыргыздар менен бирге жеңилген «киштим» деген элдин аты болушу мүмкүн деген ойду айтат (мындан тышкары караңыз: Н.Арист ов, Заметки по этническому составу тюркских племен…, 40-бет).

[7] В.В.Бартольд (Киргизы, 494-бет): «Есть другой народ из киргизов»… – деп окуйт. Бирок тексттеги көптүк сандагы жардамчы этиш  эмес) бул сөздүн мурун эскерилген кесим элине тиешелүү деп эсептөөгө негиз берет.

                                                                                              Халлухтардын аймагы жана андагы шаарлар тууралуу сөз

Чыгышында – Тибет аймагынын айрым бөлүктөрү, йагмалар менен тогузгуздардын аймактары, түштүгүндө – йагмалардын аймагынын айрым бөлүктөрү жана Мавераннахр аймагы, батышында – гуздардын аймагы жана түндү гүндө – тухсилердин, чигилдердин жана тогузгуздардын кыйыры. Бул аймак түрк аймактарынын ичинен калк эң көп жашаган, эң бай аймак. Мында агын суулар бар, климаты мелүүн. Мындан ар түрдүү терилерди алып кетишет. Булар адамга жакын, адамгерчиликтүү жана сылык эл. Халлухтардын башкаруучуларын илгери жабгу, ошондой эле йабгу дешкен. Бул (аймакта) шаарлар менен кыштактар бар. Халлухтар – жарым-жартылай мергенчилер, жарым-жартылай дыйкандар, жарым-жартылай малчылар. Алардын кирешеси – койдон, жылкыдан (жана ошондой эле) ар түрдүү терилерден. Алар согушчан жана жортуулдарга жакын эл.

Кулан – чакан аймак, мусулман дүйнөсү менен чектешет жана мында эгин талаалары бар.

Мирки – кыштак, мында халлухтар (жашайт), соода герлер да келет. Бул эки кыштактын ортосунда үч халлух уруусу бар, // (18а-бет) аларды бистан (?), хайм (?), бириш (?) дешет.

Нункет[1] Урун-Арж тоосуна жакын жерде, мурун бул шаар болгон, бирок азыр бузулуп, ууру-кескилердин уюгуна (айланган). (Нункет) өргүүчү жай болуп эсептелет, анда халлухтарга тиешелүү чатырлар аз.

Ганкесир – чоң кыштак, мында халлух уруулары көп. Бул гүлдөгөн жер. Тузун-Балыг талаалары, агын суулары жана ар түрдүү жакшы нерселери бар кыштак. Халлухтар менен йагмалардын ортосундагы чек ара болуп эсептелет. Тузун-Аржга жакын жерде Туз-Көл[2] бар, мындагы туз жети халлух уруусу үчүн жетишерлик.

Кукийал, Атлалыг, Лулыг-тоонун капталында жайгашкан, гүлдөгөн, ар түрдүү жакшы нерселерге бай үч кыштак. Алардын дихкандары йабгулардын туугандары болушкан.

Узкет жана Мелжикет – тоонун капталында жайгашкан эки кыштак, гүлдөгөн, ар түрдүү жакшы нерселерге бай бул кыштактар жабгуга карайт.

Карминкетте халлухтар аз, аларды лабан дешет. Бул табиятынан бай чоң кыштак, мында ар тараптан келген соодагерлер чогулушат.

Тоң[3] жана Талхиза-тоолордун ортосунда, Ысык-Көлгө[4] жакын жердеги чигилдер менен халлухтардын дал чек арасында жайгашкан эки кыштак. Эли согушчан, эр жүрөк жана баатыр.

Барсхан – көлдүн жээгиндеги бай, жайлуу шаар. Анын башкаруучусу[5] халлухтардан, бирок калк тогузгуздарга ыктайт.

Жамгир-халлух аймагынан тышкары, чөлдүн кыйырында жайгашкан чакан шаар. Илгери ал халлухтарга караган, (эми болсо) анын башкаруучусу тогузгуз падышаларынын колун кармайт, мында 200 уруу жана алардын өзүнчө жери бар.

Пенчул[6] халлухтардын аймагында (жайгашкан), илгери анын башкаруучусу тогузгуздардан болгон, эми болсо аны хырхыздар бийлейт[7].

Акракир – калкы көп, тоо менен дарыянын ортосунда (жайгашкан) шаар. Уж болсо тоодо. Анда 200гө жакын киши бар. Бул эки шаарды халлухтар бийлейт.

[1] Тегерандык басып чыгаруучу (81-бет) бул атты Нуикат (Навикет) деп берген.

[2] Текстте: Тузкук.

[3] Текстте: Тун.л; тегерандык басып чыгаруучу (81-бет) бул атты Тунк деп берген.

[4] Текстте: С.кук.

[5] Текстте: дихкан.

[6] Текстте: П.н.чул. В.В.Бартольд (Киргизы, 492-бет) Выньсу (Вэньсу) деген кытай транскрипциясына таянуу менен бул аталыштын айтылышы так эместигин белгилеген, бирок жайгашкан жери боюнча Пенчул азыркы Үч-Турпанга туура келет деп болжолдогон.

[7] В.В.Бартольд (Худуд ал-алем. Рукопись Туманского, 19—20-беттер) бул кабар автордун мезгилине тиешелүү болбостон, IX кылымдын аягындагы X кылымдын башындагы абалды чагылдырса керек деп божомолдойт.

                                                                        Тухсилердин аймагы жана андагы шаарлар тууралуу сөз

Чыгышында – чигилдердин жерлери, түштүгүндө – халлухтар жана токойлуу тоолор, батышында – хырхыздардын бир тобу, түндүгүндө чигилдер. Бул аймак чигилдердин аймагынан да байыраак; мында жыпар жана ар түрдүү терилерди өндүрүшөт. Алардын байлыгы болуп жылкы, кой жана тери, чатырлар эсептелет. Алар жа йы-кышы жайыттар менен жашыл шалбааларды (издеп) көчүп жүрүшөт.

                                                                       // (186-бет) Кимактардын аймагы жана андагы шаарлар тууралуу сөз

Бул аймак мындай аймак: чыгышында – хырхыз урууларынын бири, түштүгүндө – Артуш дарыясы менен Итил дарыясы, батышында – кыпчактардын айрым бөлүктөрү жана жарым-жартылай киши жашабаган түндүк өлкө лөрү, түндүгүндө – түндүктүн адам жашай албай турган жерлери. Бул аймакта бир гана шаар бар, башка жок. Мында көптөгөн уруулар бар, алар чатырда турушат жана жайыкышы кургак чөп, суу жана жашыл шалбаа издеп көчүп жүрүшөт. Алардын кирешеси киш менен койдон, ал эми жеген тамагы жайында – сүт, кышында – сүрсүт үлгөн эт. Алар менен гуздардын ортосунда тынчтык болгондо, алар кышында гуздарга келишет.

Кимактардын падышасын хакан дешет, анын кимак жерлерине койгон 11 кишиси бар, аларга таандык жерлер алардын уулдарына мурас болуп өтөт.

Андар аз хифчак – кимактардын жери, бул жердин элинин айрым салттары гуздарга окшоп кетет.

Каркар(а)хан – кимактарга тиешелүү дагы бир аймак, анын элинин салты хырхыздардыкына[1] окшоп кетет.

[1] Андар аз хифчак аймагы, калыбы, кимак аймагынан чыккан түндүк-батыш жол катары кызмат кылып, ал эми Каркар(а)хан аркылуу түштүк жолу өтсө керек. В.Ф.Минорский Каркар(а)ханды Иртыштын түштүк тарабында, Семипалатинскиден болжол менен 350 км түштүкчыгышта, тоолуу райондо жайгашкан Каркаралинск шаарына туура келет деп божомолдогон (караңыз: Худуд ал-алам, 309-бет).

                                                                                              VI

                                                // (226-бет) Мавераннахр аймагы жана анын шаарлары тууралуу сөз

(236-бет) Фергана – гүлдөгөн чоң аймак. Анда көнтөгөн тоолор, талаалар жана агын суулар бар. Ал Туркестандын дарбазасы болуп эсептелет. Анда түрк кулдар көп. Тоолордо көптөгөн алтын, күмүш, жез, коргошун, нашатыр тузу, сымап, күйө турган таш[1] жана безоард ташы, магнит ташы жана башка көптөгөн дары нерселердин кендери бар. Дары нерселерден жемиштерди[2] жана күчтүү дарылар жасалуучу чөптөрдү жыйнашат. Фергананын башкаруучулары илгери мулук-и атрафтан[3] болушкан. Аларды дихкан дешкен.

Жидгил – тоолор менен урандылардын ортосунда жаткан Фергананын райондорунун бири. Анда чакан шаарлар жана көптөгөн кыштактар бар. // (24а-бет) Анда жылкы кармашат, кендер бар жана койду да көп өстүрүшөт.

Ахсикет – Фергананын баш шаары, эмирлер менен амилдердин турган жери. Бул Хашарт дарыясынын жээгинде, тоонун этегинде жайгашкан чоң шаар. Бул тоодо көптөгөн алтын жана күмүш кендери бар. Бул жердин эли набидд,и жакшы көрөт.

Васкет – Ходженд менен Фергананын ортосундагы чек ара, бул шаарчада эгин талаалары көп.

Битамух – сымап чыгарылуучу шаар. Тамахус (жана) Намкахус – тоо этегинде жайгашкан эки шаар.

Сох – тоодо, Бутман менен Фергананын чек арасында, анын тегерегинде 60 кыштак бар.

Аувал – тоонун этегинде, анын тегерегинде кыштактар.

Багаскан Аувалга карайт.

Хоканд4, Риштан (жана) Зендерамш – калк жыш жайгашкан, эгин талаалары көп шаарчалар.

Куба – Фергана аймагындагы эң чоң жана гүлдөгөн шаар.

Ош – калкы көп жана бай жер, эли согушчан. Тоонун этегинде жайгашкан; бул тоодо кароол дөбөлөр көп, алардан капыр түрктөрдү байкап турушат[4].

Урест жана Хурсаб – агын суулары, ачык мейкиндик тери бар, абасы таза, абдан бай эки шаарча.

Узгенд – Фергана менен түрктөрдүн чек арасындагы шаар. Анын кыйырынан эки дарыя өтөт, бирин Табагар дешет, (ал) Тибет (тоолорунан) келет, экинчисин Барсхан дешет жана ал халлухтардын аймагынан келет.

Хатлам – чакан шаарча, мында Наср ибн Ахмад, Хорасандын эмири туулган.

Кашукет (жана) Пап[5] – көптөгөн эгин талаалары бар, жайлуу эки шаар.

Фергана аймагынын шаарлары ушулар.

[1] Текстте: чираг санг.

[2] Текстте: табхун.

[3] Мулук-и атрафты В.В.Бартольд (Туркестан…, 6-эск.) «аймактын башкаруучулары» деп которгон. «Мулук – и-атраф» термининин мааниси баарынан мурун феодалдык заманга мунөздүу болгон саясий чачкындык түшүнүгү менен байланыштуу. 4 Текстте: Хуваканд.

[4] В.В.Бартольд (Худуд ал-алем. Рук. Туманского, 16-бет) бул кабардан Худуд ал-алемдин авторунун Истахриге түздөн-түз көз карандылыгын байкаган.

[5] Текстте: Паб (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 218-бет).

                                                                             МУХАММАД ИБН НАДЖИБ БЕКРАНДЫН ЖАХАН-НАМЕСИ

Географиялык эмгек Жахан-наме («Дүйнө жөнүндө китеп» же «Дүйнөнүн баяндамасы») эки кол жазма түр үндө гана сакталып калган: Париждеги Улуттук китепканада сакталып турган кол жазма (№ 384) жана А.Г.Туманский тарабынан уникалдуу кол жазма Худуд ал-алам менен бирге табылган ЛО ИВАНдагы кол жазма (С 612)[1].

Рамазан айынын жыйырма сегизинде 663-жылы // 15-июлда 1265-жылы жазылган ЛО ИВАНдын кол жазмасы эки кол жазманын эскиси болуп эсептелет жана анын факсимилдик басылмасы 1960-жылы жарык көргөн[2]. Ю.Е.Борщевский жазган басылманын кириш сөзүндө кол жазма толугу менен сыпатталып, ага кеңири мүнөздөмө берилген жана эмгектин булактары көрсөтүлгөн[3].

Бул эмгек жөнүндөгү (жана ЛО ИВАНдагы кол жазма тууралуу) кыскача пикирлерди В.В.Бартольддун, А.А.Ромаскевичтин жана Н.Д.Миклухо-Маклайдын эмгектеринен да табуута болот[4]. Жахан-наменин үзүндүсүнүн орусча котормосу «Материалы по истории туркмен и Туркмении» аттуу эмгекке да киргизилген[5]. Изилдөө чүлөр башкалардан өзгөчөлүгүнө (сыягы, эмгек картага түшүндүрмө катары жазылса керек) жана ушуга байланыштуу маалыматтардын кыска жана үстүртөн берилгендигине карабастан, Жахан-наме айрым өлкөлөргө тиешелүү кызыктуу тарыхый-географиялык маалыматтарды берерин белгилеп жүрүшөт. Жахан-наме Хафиз-и Абрунун географиялык эмгеги үчүн булактардын бири катары кызмат кылган.

Жахан-наме Мухаммад ибн Наджиб Бекран аттуу бир киши тарабынан түзүлгөн, анын өмүрү жана ким болгону тууралуу эч кандай маалыматтар жок. Ю.Е.Борщевскийдин божомолу боюнча, бул автор Хорасанда, Тус шаарында жашаган. Жахан-наме коштоочу трактат катары жазылган карта 605/1208–09-жылдары хорезмшах Ал ад-Дин Мухаммад ибн Текешке (1200–1220) арналып тү зүлгөн.

Бекрандын эмгеги көлөмү ар түрдүү болгон жыйырма баптан турат. Космографиялык мазмундагы беш киришүү бабынан кийин төмөнкү баптар келет: VI. Деңиздер жөнүндө; VII. Көлдөр жөнүндө; VIII. Деңиздердеги аралдар жөнүндө; IX. Кээ бир жейхундар жана дарыялар жөнүндө; X. Белгилүү тоолор жөнүндө; XI. Чөлдөр жөнүндө; XII. Шаарлардын аттары жана алардын бирдей эместиги жөнүндө; XIII. Жагымдуулугу менен даңкы чыккан жерлер жөнүндө; XIV. Кээ бир элдердин өз жерлеринен көчүшү жөнүндө; XV. Айрым жерлердин өзгөчө лүктөрү жөнүндө; XVI. Кээ бир жерлердеги укмуштуу нерселер жөнүндө; XVII. Кымбат баалуу таштар жана башка кендер жөнүндө; XVIII. Кайсы жерден эмнелер чыга тургандыгы жөнүндө; XIX. Арабдардын абалы жөнүндө айрым пикирлер; XX. Айрым ар түрдүү нерселер тууралуу баян.

Жахан-наменин автору булак катары биринчи кезекте Ибн Хордадбектин Китаб ал-масалик ал-мамалигин жана Насир-и Хосровдун Сафар-намесин атайт (2а-бет)[6].

Кыргызстандын тарыхый географиясы боюнча маа лымат булагы катары Жахан-наме илимий адабияттарда белгиленген жана пайдаланылган эмес, бирок андай деген менен В.В.Бартольд 1898-жылы эле өзүнүн «Туркестан в эпоху монгольского нашествия» деген эмгегинин биринчи бөлүгүндө Париждеги кол жазма боюнча төмөндө келтирилген бир тармагы кыргыздарга чейин, башка бир тармагы Ферганага чейин жеткен улуу тоо жөнүндөгү (ЛО ИВАНдын кол жазмасы боюнча С 612-л. 14а-бет), ошондой эле Ысык-Көл тууралуу (ЛО ИВАНдын кол жазмасы боюнча 86-бет) үзүндүлөрдүн котормолорун берген.

Жахан-намедеги кыргыздар жана алардын жашаган жерлери тууралуу маалыматтар ала-чокул берилген. Бирок ошондой болсо да алар башка булактардагы маалыматтар менен салыштырып көрүү үчүн изилдөөчүгө айрым материалдарды бере алат.

Кыргыздар жөнүндөгү бардык эскерүүлөр жана азыркы Кыргызстандын тарыхына тиешелүү болгон бардык маалыматтар төмөндө берилди.

Жахан-намеден алынган үзүндүлөрдү окууда жана которууда XV кылымдагы Саид Журжанинин Масалик ва мамалиги (ЛО ИВАНдын кол жазмасы боюнча А 672)[7] (бул эмгектин экинчи бөлүгүндө Жахан-наме дээрлик толугу менен кайталанган) пайдаланылды.

[1] Бул кол жазманын табылыш тарыхы жана ал тууралуу жалпы маалымат алуу үчүн караңыз: А.Г.Туманский, «Новооткрытый персидский географ X столетия и известия его о славянах и руссах».

[2] Мухаммад ибн Наджиб Бекран, Жахан-аме («Книга о мире»).

[3] Ошондо, 5–22-беттер.

[4] В.В.Бартольд, Туркестан…, 83-бет; МИТТ, т.1, 49-бет; Н.Д.Миклухо-Маклай, Описание таджикских и персидских рукописей…, 29–32-беттер.

[5] МИТТ, т. 1, 349–350-беттер.

[6] Жахан-наменин жазылышында пайдаланылган булактар тууралуу караңыз: Жахан-наме, 11–16-беттер.

[7] Бул кол жазманын сыпаттамасын жана ал тууралуу маалыматтарды караңыз: Н.Д.Миклухо-Маклай, Описание таджикских и персидских рукописей…, 47–48-беттер.

                                                            ЖАХАН-НАМЕДЕН АЛЫНГАН ҮЗҮНДҮЛӨРДҮН КОТОРМОСУ[1]

[1] Котормону редакциялоодо ЛО ИВАНдын кол жазмасынын жана париждик кол жазманын негизинде Ю.Е.Борщевский тарабынан тузүлгөн текст пайдаланылды.

                                                                                                               I

                                                                // (4а-бет) Көлдөр жөнүндө

// (86-бет) Искул көлү[1] Барсхандын жанында, Туркестандын чегинде. Андан суу агып чыкпайт, ошондуктан аны Искул[2] дешет. Андагы суу жылуу сыяктуу, анын башка жагдайлары тууралуу эч нерсе уга элекмин. Муну бир Алла Таала өзү билет.

[1] Текстте: Бахира-йи Искул.

[2] Автор мында, сыягы, түрк этимологиясын эске алса керек: «[жаман] жыттуу көл»; Будаговдун сөздүгүндө (т. 1, 192 -бет) ис – «запах», «дух», «угар», «вонь»; муну кыргыз тилиндеги «ис» деген мааниси менен салыштырып көрүңүз (К.К.Юдахин, Киргизско-русский словарь, 304 -бет).

                                                                                                  II

                                                                // (106-бет) Кээ бир жейхундар[1] жана дарыялар жөнүндө

// (11б-бет) Жейхун-и Жаж2. Китептерде бул жейхунду Нахр-и Шаш же Жу-йи Жаж[2][3] дешет. Ал Туркестан тараптан, Чигилге4 жакын жерден башталат да, Узгенддин чегине чейин келет жана ага Илак[4] кошулуп, Ахсикетке чейин барат, анан Ходжендге, андан Барабга, андан түрк жана түркмөн урууларына чейин жетип, ал жерден Женд көлүнө[5] куят.

Атил – бул хазар шаарынын аты, деңизге карай аккан жейхун ушул шаарды аралап өтөт; бул – жейхундун да аты. Ал хырхыздарга[6] жакын жерден башталып, // (12абет) кимактар менен түркмөн урууларынын ортосунан өтөт, анан булгарларга жана орустардын чегине карай агат да, анан буртастарга багыт алып, Атил же Жамлих[7] деп аталган хазар шаарын аралап өтөт да, Абескун көлүнө[8] куят. Бул жейхун деңизге куйган жерде болжол менен он фарсахтай жерде анын суусу жагымдуу бойдон калат да, деңиздин суусунан кадимкидей айырмаланат. Кышында тоңуп, таза суу агымы муз болуп калат. Атил башталышында Хорезмдеги Жейхундан алда канча чоң, андан 80ден ашык суу бөлүнүп кетет, калганы гана Абескун көлүнө куят деп да айтышат, бирок муну бир Алла Таала өзү билет.

[1] Б.а. Жейхун -и Чач, Чач дарыясы (азыркы Сыр дарыя); кийинки эскертүүнү караңыз.

[2] Жергиликтүү айтымды чагылдырган окулуш Жуйи Чач болгон; төмөндөгү беттер менен салыштырып көрүңүз (Жахан -наме, 17а-бет); Чач деген атты парсы авторлору аймакка жана Чирчик дарыясынын өрөөнүнүн баш шаарына карата да колдонушкан (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 226-бет, 3-эск.). Салыштырып көрүү үчүн белгилей кетсек, Чач деген ат Инд аймагында (Аттоктон жогорураакта бар. Ал жакта Орто Азиянын түндүк-чыгыш: бөлүгүңөр кезиккен Талаш менен Алан тоолуу өрөөндөрү жана Каракар ашуусу да бар (салыштырып көрүңүз: В.В.Бартольд, История культурной жизни Туркестана, 241-бет.

[3] -эск.; 541-бет, 55 -эск.) (ред. эск.) 4 Текстте: Ж.к.л.

[4] Илак – Ахсикеттен төмөнүрөөктө, Ходженддин тегерегинде, Сыр дарыянын агымындагы Ангрен дарыясынын боюндагы жер (ред. эск.)

[5] Женд шаарынын аты боюнча кээде Арал денизин ушундай аташкан (караңыз: В.В.Бартольд, Соч. т. II, ч. 1, 560-бет).

[6] Сыягы, Истахриден алынган; ушул басылманы караңыз.

[7] А 672 кол жазмасы боюнча (80а-бет); С 612 кол жазмада шаардын аты жакшы окулбайт.

[8] Жээгинде жайгашкан шаарлардын биринин аты боюнча Каспий деңизин ушинтип аташкан.

                                                                                               III

                                                                         // (126-бет) Белгилүү тоолор жөнүндө

// 14а-бет) Гарчистан менен Гурдун чегинен улуу тоо башталат да, Бамиан менен Банжхирди жандап өтүп, Вахан шаарына чейин жетет. Анын (аты) белгисиз. Ал Тибеттин сырты болуп эсептелет да, анын бир чоң тармагы Туркестанга кирип, хырхыздардын чек арасына чейин барат да, Чиндин кыйырына чейин жетет. Анын башка бир (тармагы) Хатланга карай имерилип, Фергананын чегине жетет да, анан Усрушана шаарынын[1] жанындагы Жабал-и Буттемге барат. Ошентип ал Бухаранын чегине чейин барат. Бул тоонун атын биз укканыбыз жок, балким, ал өзү созулуп жаткан ар бир аймакта ошол аймактын (аты) менен аталса керек.

Ал эми Усрушанадан башталып, Фергананын чегинен хырхыздарга чейин созулуп жаткан чөл ушул тоонун капталында жайгашкан. Бул тоодо, өзгөчө Усрушананын тегерегинде кендер көп, бул тоолорду Буттем дешет, (мында) алтын, күмүш, темир, жез, коргошун, сымап, нефть, кыр жана зуфт кендери бар. Хорасанда ходженд бирюзасы дешкен бирюза да ушул тоодон чыгат.

Нашатыр тузун да ушул тоодон алышат[2]. Бул мындай болот: тоонун чокусунун бир жеринен суу чыгат да, ал түндөсү жалындап күйөт, күндүзү от көрүнбөйт, түтүн гана көрүнөт. Анан ошол жерге үйгө окшош нерсе курушат да, бул жерден чыгып күйө турган буу эч жакка чыкпагандай кылып жылчыктардын баарын бекитишет. Убакыттын өтүшү менен буу бул үйдүн шыбына топтолот да, нашатыр тузу пайда болот. Анан үйдөгү тешиктердин бирин дароо ачышат да, шыптагы тузду чогултуп алышат. Абдан ысык болгондуктан ага түз эле кирип кетүүгө болбойт. Бир киши сууга чыланган кийиз кабаны киет да, үйгө дароо кирип, нашатыр тузун алышынча алат да дароо чыгат, анткени ал жерде кармалууга болбойт. Суу менен буу (бара-бара) ал жерден чыкпай калат да, башка жерден пайда болот, б.а., бир жерден экинчи жерге жылып жүрөт. Бир жерде түгөнгөндө, экинчи жерден казышат. Суу табылган соң ошол жерге үй курушат. Эгер үй курбаса, буу учуп кетет да, нашатыр тузун чогултууга мүмкүн болбой калат[3].

Ушул эле тоодон, Фергананын чегинен кара таш алышат, ал көмүр сыяктуу күйөт жана аны зергерлер менен темир усталар пайдаланышат. Таш күйүп бүткөндө күлү катып калат жана (аны) менен кир жуушат; (мындан) кийим агарат[4]. Бул тоодо кара, ак, кызыл, сары, жашыл, көк жана башка көп түстөгү асыл таштар да бар. Ушул эле тоодо, Узгенд шаарына жакын жерде нашатыр тузу бар[5].

[1] Ушул китептин тиешелүү бөлүмүн караңыз.

[2] Узгенд жөнүндөгү акыркы фразаны эске албаганда, үзүндүнүн аягы (нашатыр тузун алуу процессин баяндоо, кара таш тууралуу эскерүү) В.В.Бартольддун басылмасында жок.

[3] Нашатыр тузун алуунун ыкмасы Истахриде бир топ кенен берилген (Ибн Хаукалда да). Ушул басылманын 19, 27-беттерин караңыз.

[4] Балхинин Маджма ал-гараиб аттуу эмгегинде (XVI к.) бул тоо жөнүндө мындай кабар бар: «Фергана аймагында бир тоо бар; ал жерде отундай күйө турган таш бар, аны көмүрдүн ордуна колдонушат. Анын күлү самынга окшош». (ЛО ИВАНдын кол жазмасы, С 609, 64а-бет).

[5] Узгендге жакын жерде нашатыр тузунун кени бар экени Хамдаллах Казвининин Нузхат ал-кулуб аттуу эмгегинде да айтылат (206-бет).

                                                                                                      IV

                                                                                           // (14б-бет) Чөлдөр жөнүндө

Абескун көлүнүн жанындагы Дихистандын чегинен Сияхкухка (жана) хазарларга чейин чөл. Чыгыш тарабында Систандан Мекран менен Синдге чейин чөл, ал Балхтын чегинен Хорезмдин чегине чейин созулуп жатат, бул жердин кыртышы бүтүндөй эле кум. Бухаранын чек арасынан Хорезмдин чек арасына чейин да чөл, бул жердин кыртышы да кум. Нахшеб менен хорезмдик Жейхундун ортосу чөл, Хатлан да чөл, Усрушанадан Ферганага, андан хырхыздарга чейин тоолор жөнүндөгү бапта сөз болгон тоону бойлоп чөл созулуп жатат.

                                                                                                                       V

                                                                 // (166-бет) Айрым элдердин өз жеринен көчүшү жөнүндө

// (17а-бет) Хита[1] – хитай уруулары, алар теги боюнча Чин аймагынан. Аларга карата колдонулган Хита сөзү жаңылыш2, (аны) Кита[2] деп окуш керек. Кита – бул Чин шаарларынын эң чоңунун аты, ал эми Улуу Чин аймагы[3] чоң аймак, анда имараттар менен шаарлар көп, Чин аймагында 300 чоң шаар бар дешет. Чин үч бөлүктөн турат. Имараттар[4] бар жагын айрымдар Чин-и Мотлак[5], башкалары Чин-и Бируни[6] дешет, чыгыш тарабындагы бөлүгүн Чин-и Андаруни[7], ошондой эле Мачин[8] деп да коюшат.

Улуу эмирлердин көбү Кита эмирлеринен чыккан деп айтышат. Акыркы эмир Чиндин падышасы болгон, ал …1 дан улам жортуулга чыгып, жолдо согушкан жана ошентип жүрүп отуруп Баласагундун чегине жеткен, анда аларга эч ким каршылык көрсөткөн эмес, ошентип алар ошол жерде туруп калышкан. Анан алар Кита сөзүн өзгөртүп, өздөрүн Куту2 дей башташкан, ал эми карапайым эл бул сөздү жаңылыш айтуу менен өздөрүн Хита дешкен.

Гуздар. Гуздардын мекени алардын тегине ылайык Параб менен Женд көлүндө жана Жейхуни-Жаждын эки тарабында. Алардын ичинен бир эл белгисиз себептерден улам Хатландын чек арасына, Балхтын чегине көчүп келип, бул жерде султан Шахид Санжар ибн Мелик шах Нур ад-Дин Зерихтин заманына чейин турушкан; анан 547-жылдын (1152–53-жж.) айларында алар бул жерден көчүп, Хорасанга бет алып, Кермандын кыйырына келишти.

[1] Текстте: хита. 2 Текстте: хата.

[2] Текстте: К.та – Кита же Ката.

[3] Текстте: вилайат.

[4] Текстте: имарат.

[5] Контекстке караганда, Жахан-наменин автору мында Борбордук жана Батыш Кытайды айтып жатса керек («мотлак» деген сөз «абсолюттук», «жалпы», «көз карандысыз» ж.б. деп которулушу мүмкүн) (Али Акбардын эмгегиндеги Кытайдын төрт негизги аймакка бөлүнүшү менен салыштырыңыз: И.Ю.Крачковский, Арабская географическая литература, 524-бет) (ред. эск.).

[6] Сырткы Чин.

[7] Ички Чин.

[8] Текстте: Мачин – Түштүк Кытай ушундай аталган, караңыз: И.Ю.Крачковский, Арабская географическая литература, 524-бет.

                                                                                                  VI

                                                                   // (21б-бет) Асыл таштар жана башка кендер жөнүндө

// (22б-бет) Бирюза… Самарканд менен Фергананын чегинде, буга чейинки тоолор жөнүндөгү бапта сөз болгон тоодо башка кендер бар. Бирок бул жердин бирюзасынын түсү анча жакшы эмес, Ходжендден алып кетип, ходженддик деп аталып жүргөн бирюза. Анын түсү бир түрдүү эмес, ар түрдүү. Ал тез эле өңүн өзгөртүп, саргарып кетет[1].

// (23б-бет) Жез. Анын кени Фергананын чегинде, мындан мурунку тоолор жөнүндөгү бапта сөз болгон тоодо. Ал жерде коргошундун кени да бар. Батыш Хорасанда да жездин кени бар.

Текстте: Куту, мааниси түшүнүксүз; кутту «бактылуулар» ж.б. деген сөз болушу мүмкүн (караңыз: А.З. Будагов, Сравнительный словарь, II том, 69-бет) же «түндүктүктөр» деген сөз болушу да ыктымал (караңыз: К.К. Юдахин, Киргизско-русский словарь, 452-бет) (ред. эск.).

Сымап. Парстын чегинде, Дарабгирд менен Истахрдын жанында анын кени бар, кудуктардан казып алышат. Ферганада, биз жогоруда сөз кылган тоодо да анын кени бар.

// (24а-бет) Жыпар (мускус). Жыпардын эң мыктысын Хотандан алып келишет, андан кийинкиси Тибеттен алып келген жыпар, андан кийин татар жыпары, андан кийин кыргыз жыпары, андан кийин кашмир жыпары, андан кийин деңиз жыпары. Жыпардын эң начары деңиз жыпары, анткени деңиздин бууланышынан улам анын жыты кайтып калат. Жыпар дабет ал-мушк[2] деген маңдайында мүйүзү бар чоң эликтин киндигинде болот. Жыпар бул жаныбардын киндигине чогулган кандан пайда болот, (киндик) кычыша баштаганда, ал киндиги менен ташка, дарактарга кашына баштайт жана акырында жыпардуу баштыкча түшүп калат да, (киндик) кычышпай калат.

Сыягы, деңиз жыпары Сарандибден[3] жана анын айланасынан келет. Соодагерлер жыпардуу баштыкчаны кесип жатканда кээде уюй элек кан куюлуп кетет. Соодагер ушундай жыпардуу баштыкчаны сата турган болсо, аны (аларман) кайтарып бериши мүмкүн. Ушул айтылгандар бул китеп үчүн жетиштүү.

[1] Саид Журжанинин Масалик ва мамалигинде (ЛО ИВАНдын кол жазмасы, А 672) мындай деп кошумчаланат: «Туркестандын чегинен фергана сортун алып кетишет, жерде да кен бар дешет, бирок ал анча белгилүү эмес» (112б-бет).

[2] Б.а., жыпардуу жаныбар.

[3] Цейлон (кырг. ред. эск.).

                                                                                                       VII

                                                                               // (25а-бет) Ар түрдүү нерселердин баяны

// (25а-бет) Фергана-Мавераннахрдын чегиндеги аймак, анын баш шаарын Ахсикет дешет. Абдан жагымдуу, сонун жер. Самарканддан Ферганага чейин 53 фарсанг болот жана Фергананын // (27а-бет) Нуширван негиздеген дешет, бул жерге адамдарды отурукташтыруу керек болгондо ал имараттарды куруп, жер иштетип, жерди көркүнө чыгарсын үчүн ар жерден бир уруудан алып келген экен. Ал жердеги элдер ар жерден болгондуктан, Аз хар хане[1] деп аталып калыптыр, кийинчерээк аз түшүп калып, Хархане деп окуп калышкан, кийин бара-бара Фергана[2] деп окулуп калган.

[1] Сөзмө-сөз: «Ар бир үйдөн». Бул уламыш Ибн Хордадбекте да бар (ВСА, III, 30-бет), ал Фергананын баш шаарын Ануширван негиздеген, ал адамдарды ар бир үй-бүлөдөн алып, ушул жерге отурукташтырган да, Фергананы Аз хар хане деп атаган деп билдирет (ред. эск.).

[2] Фергананын атынын келип чыгышы жөнүндөгү ушундай эле түшүндүрмө Хамдаллах Казвининин Нузхат ал-кулуб (246-бет) аттуу эмгегинде жана Балхинин Маджма л-гараибинде (ЛО ИВАНдын кол жазмасы. С. 609, 376-бет) да бар.

                                              Ибн ал-Асирдин Китаб ал-камил фи-т-тарихи

Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнүн тарыхы боюнча маалыматтарды жыйноодо араб тарыхчысы Изз ад-Дин Абу-лХусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асирдин (630/1233–34-

ж.ж. өлгөн) Китаб ал-камил фи-т-тарих аттуу көлөм дүү хроникасы чоң мааниге ээ. В.В.Бартольддун баалоосу боюнча, Ибн ал-Асир өзүнүн эмгеги үчүн эбегейсиз зор материалды ошол кезде сейрек учуроочу сынчыл көз караш менен жыйнаган[1]. Орто Азияны монголдордун басып алышынын тарыхы боюнча араб тилинде жазган үч автордун эмгектери гана булак боло алат: ан-Нисави, алЖувейни жана Ибн ал-Асир. Ушунун өзү Ибн ал-Асирдин Китаб ал камил фи-т-тарих аттуу хроникасынын маанисин көрсөтүп турат. Котормо үчүн Торнбергдин илимий сынчыл басылмасы[2] пайдаланылды. Ибн ал-Асир саясий окуялардын тарыхын баяндоо менен эле чектелген эмес, ал ошондой эле өзү сөз кылган элдердин маданияты тууралуу маалыматтарды да келтирген. Исламдын алгачкы үч кылымдык тарыхын ал ат-Табариден көчүргөн, бирок аны оңдоп, кошумчаларды киргизген. Орто Азиянын тарыхында ал айрым учурларда бизге жетпей калган булактарды пайдаланган (ас-Саллами ж.б.). Кээ бир маанилүү тарыхый эпизоддорду биз Ибн ал-Асирден гана таба алабыз (мисалы, Орто Азия элдеринин тагдырына абдан чоң таасири тийген арабдар менен кытайлардын 751-жылкы кагылышуусу тууралуу кабар), булактардын көпчүлү гүндө алар эскерилген да эмес.

Ибн ал-Асирдин тарыхый хроникасы халифаттын, мусулман өлкөлөрүнүн жана алар менен коңшулаш аймактардын жалпы тарыхы болуп эсептелет. Андан Түркмөнстандын аймагын эске албаганда азыркы Орто Азия аймагынын тарыхын баяндаган бөлүктөр тандалып алынды. Айрым жерлерде Мавераннахрда болуп өткөн Кыргызстанга түздөн-түз тиешеси бар тарыхый окуялардын котормосу берилди (мисалы, Караханиддердин династиясына байланыштуу окуялар).

[1] Караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 46–47-беттер.

[2] Кыскартуулардын тизмесин караңыз.

                            ИБН АЛ-АСИРДИН КИТАБ АЛ-КАМИЛ

                                       ФИ-Т-ТАРИХИНЕН АЛЫНГАН ҮЗҮНДҮЛӨРДҮН КОТОРМОСУ

                                                                                                 I

                                        (V том) // (344-бет) 133(750–51)-жыл

Ушул жылы Абу Дауд Халид ибн Ибрахим[1] ал-Хутталга[2] багыт алды жана ага кирди, Хубайш ибн аш-Ш.б.л.[3], анын падышасы, сөзгө келген жок, чепке дыйкандары менен бирге бекинип алды жана Абу Дауд катуу талап кылганда ал дыйкандары жана жалданма аскери[4] менен чептен чыгып, Фергана а барып, андан түрк аймагына[5] өтүп, Синдин падышасына барды. Абу Дауд алардын колго түшкөндөрүн Абу Муслимге[6] жөнөттү…

Ушул (жылы) Фергананын ихшиди менен Шаштын падышасы чатакташып калышты. Ихшид Син падышасынан жардам сурады, (ал) болсо ага 100 миң жоокер берди, Шаштын падышасын курчап алышты жана ал акырында Син падышасынан ырайым сурады, падыша ага жана анын жакындарына тийген жок. Бул кабар Абу Муслимге жетип, ал алар менен согушуу үчүн Зийад ибн Салихти[7] жөнөттү. Алар Тараз дарыясында[8] беттешип, мусулмандар аларды жеңишти, 50 миңин кырып, 20 миңге жакынын колго түшүрүштү, калгандары Синге качышты. Салгылашуу (жүз) отуз үчүнчү жылдын зу-л-хиджжа айында (751-жылдын июль айында) болуп өттү.

[1] Абу Дауд Халид ибн Ибрахим аз-Зухли – арабдардын кол башчысы, кийин Хорасан аймагына аким (амил) болгон, 140/757–58-ж.ж. өлгөн (караңыз: Ибн ал-Асир, V том, 370–371-беттер).

[2] Ал-Хуттал-Пянж менен Вахштын ортосундагы, азыркы Тажикстандын чек арасындагы аймак.

[3] Үндүүлөрү белгисиз.

[4] Текстте: Аш-шакирийа. Жалданма аскер деп адатта жалданма сакчыларды, гвардияны айтышкан. (Бул термин тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 238, 241-беттер) (ред. эск.).

[5] Текстте: балад ат-турк; энчилүү ат (географиялык аталыш) катары адатта Билад ат-Турк формасы колдонулат.

[6] Абу Муслим – Хорасамдагы аббасид төңкөрүшүнүн уюштуруучусу, ири саясий ишмер. Аббасид төңкөрүшүнөн өлгөнгө чейин Хорасандын акими болгон. 137-жылы шабан айында (755-жылдын январы) өлтүрүлгөн.

[7] Зийад ибн Салих – Абу Муслимдин заманында Мавераннахрдын башкаруучуларынын бири.

[8] Азыркы Талас дарыясынын өрөөнү.

                                                                                      II

                                                         (VIII том) // (97-бет) 310 (922–23)-жыл Илйас ибн

                                             Исхак ибн Ахмад ибн Асад Саманиддин козголоңу жөнүндө аңгеме[1]

Анан жогоруда сөз болгон Илйас ибн Исхак ибн Ахмад козголоң чыгарды. Ал мурун атасы чыгарган козголоңго катышып, кийин Ферганага качкан эле. Ал Ферганага келип, бул жерде экинчи жолу козголоң чыгарганга чейин турду жана бул козголоңдо ал Мухаммад ибн ал-Хусайн ибн Муттан[2] жардам сурады жана түрктөрдөн (кол) курады. Ал 30 миң атчан аскер жыйнады. Ал Самаркандга асСаид Наср ибн Ахмаддын душманы катары бет алды. Наср ага каршы Мухаммад ибн Асадды[3] жана башкаларды 2500 кишинин коштоосу менен аттандырды. Алар (душман) келер күнү Самарканддын сыртына буктурма коюшту. Алар келип жайланышып жатканда, буктурмадагылар бактын арасынан качырып чыгып, кылычтап киришти, Илйас менен анын тарапкерлери качууга аргасыз болушту. Илйас Ферганага качты, ал эми Ибн Мутт Исбиджабга[4], анан Тараз аймагына кетти. Бирок ал барган аймактагы бир дыйкан кабардар болду да, ач көздүктөн аны (Ибн Мутту) кармап өлтүрдү да, башын Бухарага жөнөттү. Ибн Мутт эр жүрөк киши болгон. Козголоң учурунда ал төөлөрдү мамлекеттин пайдасына зордук менен алып койгон[5], бирок алардын ээлери төөлөрүн талап кылып келген. Ал: «Мен силерге төөлөрүңөрдү кийин Багдаддан[6] берем»,– деп койгон жана бул анын силерге эч нерсе бербейм дегени болчу. Ал аскеринин көптүгү менен күчүнө ишенген. Бирок тагдырга чара жок эмеспи, маңдайга эмне жазылса, ошол болот.

Кийин Илйас кайрадан үчүнчү жолу козголоң чыгарды. Ага Абу-л-Фадл ибн Абу Йусуф, Шаштын акими жардам берди. Ага каршы Мухаммад ибн Алйаса жөнөтүлдү. Ал алар менен согушуп, Илйас Кашгарга качууга аргасыз болду, ал эми Абу-л-Фадл болсо колго түштү, аны Бухарага алып келишкен соң ушул жерде каза тапты.

Ал эми Илйас болсо кашгарлык Туган-тегин деген дыйканга күйөө бала болуп, ошол жерде жашап калды. Фергананы болсо андан кийин Мухаммад ибн ал-Музаффар[7] башкара баштады, Илйас ибн Исхак буга чыдай албай кайра келди. Мухаммад ибн ал-Музаффар аны менен согушуп, кайра кууп чыгып, Кашгарга кайтууга аргасыз кылды. Кийин Мухаммад ибн ал-Музаффар ага кат жазып, экөө тил табышты да, Илйас Бухарага кайтып келди, ас-Саид аны кадырлап, анын кызына үйлөндү жана алар менен чогуу жашап калды.

[1] Илйас ибн Исхак – ошол кезде бийликте турган саманид династиясынын өкүлү Наср IIнин (301–331/914–943) тууганы.

[2] Ибн Мутт жөнүндө караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 301 жана 326-беттер. Ибн Муттун жеңилип калып Исфиджабга качкандыгы тууралуу маалыматты Бартольддун Ибн Мутт Исфиджабдын акими болгон деген пикири да тастыктап турат.

[3] Абу Амр Мухаммад ибн Асад – саманид династиясынын башка бир мүчөсү, караңыз: В.В.Бартольд, Из минц-кабинета С.-Петербургского университета, II. Неизданный саманидский фельс,-ИРАО, т. XII, 1899, 059-бет.

[4] Испиджаб (араб булактарында кээде Исбиджаб, кээде Исфиджаб деп берилет) Сайрамга жакын жерде, азыркы Чимкенттин жанында болгон.

[5] Текстте:

[6] Сөзмө-сөз: «Багдаддан».

[7] Абу Бакр Мухаммад ибн ал-Музаффар – эмир Наср IIнин заманындагы хорасан аскеринин башчысы (караңыз: Ибн ал-Асир, VIII том, 155-бет).

                                                                                       III

                                                                         // (157-бет) 317 (929–30)-жыл

Кара-тегинге[1] келе турган болсок, ал Бустта өлдү жана анын сөөгүн Исбиджабга, «Кара-тегиндин рибаты» деген ат менен белгилүү болгон өзүнүн рибатына алып келип коюшту. Анын ээлиги[2] болгон эмес, ал мындай деп айтчу: «Кармала турган эч нерсеси болбош үчүн жоокердин бар нерсеси өзү менен кошо жүрүш керек.»

                                                                                      IV

                                                                   // (310-бет) 332 (943–44)-жыл

Ушул жылы Абдаллах ибн Ашкам эмир Нухка каршылык көрсөтүп, Хорезмге кирип бекинип алды. Ушул себептен улам Нух Бухарадан Мервге аттанды жана ага каршы Ибрахим ибн Барс башында турган аскерди жөнөттү. Алар ага (Ибн Ашкамга) карай жөнөштү, бирок Ибрахим жолдо көз жумду. Ибн Ашкам түрктөрдүн падышасы менен кат алышып, байланышып тургандыктан, ага баш калкалады. Түрк падышасынын уулу Нухтун колунда, Бухарада туткунда болчу. Нух анын атасына Ибн Ашкамды кармап берсең, уулуңду бошотом деп сунуш кылды. Түрк падышасы буга макул болду. Ибн Ашкам муну уккандан кийин Нухка баш ийип кайра келди жана Хорезмден ажырады. Бирок Нух ага жамандык кылган жок, аны кечирип, кайра сый көрсөттү.

[1] Кара-тегин – Наср IIнин козголоңчул кол башчыларынын бири, Сиджистан аймагында аракеттенген (караңыз: Ибн ал-Асир, VIII том, 155–157-беттер).

[2] Мансур ибн Кара-тегин – кашгарлык дыйкан Кара-тегиндин уулу.

                                                                                              V

                                                                             340 (951–52)-жыл

// (369-бет) Ушул жылы Мансур ибн Кара-тегин[1], хорасандык аскерлердин башчысы өлдү. Ал өлгөндө хорасандык аскерлер Нисабурга кайтып келди. Мансурдун сөөгү Исбиджабга, атасынын жанына коюлду.

// (370-бет) Мансурдун Нисабурдан Рейге келип, өзүнүн гуламын Исбиджабдагы атасы Кара-тегиндин сөөгү коюлган рибатына ошол жерде турасың деп жөнөткөнү абдан таң каларлык. Коштошуп жатып ал ага: «Менин сөөгүмү ошол чөлгө алып баратканын сени көргөндөй көрүп турам»,– дептир. Ошондон көп өтпөй эле өлүп, сөөгүн ошол чөлгө алып барышыптыр…

[1] Кухистандын акими Абу-л-Хасан Симжур (377/987–88-жылы өлгөн)

                                                                              VI

 (IX том) (Чыгыш аймактардагы (Жети-Суу, Кашгар, Турфан, Түндүк Кытай) түрктөрдүн Бухарага,Самаркандга жана түштүккө карай Тохаристан тарапка жылышы. Саманид династиясынын аягындагы жана Газневид династиясынын башталышындагы окуялар)

                 Илек хандардын заманы // (68-бет) 383 (993–94)-жыл

Түрктөрдүн Бухарада бийликке келиши жөнүндө баян

Ушул жылы Бухара шаарын Богра-хан ат-Турки деген ат менен белгилүү болгон Шихаб ад-Даула Харун ибн Сулайман // (69-бет) Илек ээлеп алды; Кашгар менен Баласагун, Синдин чек арасына чейинки жерлер ага караган.

Мунун себеби төмөнкүдөй болгон. Абу-л-Хасан ибн Симжур[1] өлгөн соң Хорасанды анын уулу Абу Али башкарып калган, ал ар-Ради Нух ибн Мансурга[2] кат жазып атасынын ээлигин өзүнө берүүнү сураган жана анын макулдугун алган. Ага ардактуу кийим жөнөтүлгөн жана ал бул кийимдин өзү үчүн жөнөтүлгөнүнөн шек санаган эмес. Бирок элчи Гератка кеткен жолго жеткенде, ошол жолго салган да, ардактуу кийим жана Хорасанга бийлик кылуу грамотасы андагы Фаикке[3] берилген. Ошондо Абу Али өзүн алдап коюшканын жана мунун өзүнө карата ойлонуп жатышкан жамандыктын белгиси экенин түшүнгөн. Фаик ардактуу кийимди кийип, Гераттан чыгып, Абу Алиге карай жөнөгөн, бирок анын кабарын алган Абу Али жан-жөкөрлөрү менен дароо жолго чыгып, тез жүргөн2 жана кабарчыдан мурун жетип, Бушенж менен Гераттын ортосунда Фаикке кол салган жана Фаик менен анын тарапкерлерин качууга аргасыз кылып, алар Мерверудга качышкан.

Абу Али эмир Нухка кат жазып, өзүн Хорасанга аким кылып дайындоону кайрадан талап кылган жана ал буга макул болуп, Хорасандын бийлигин мурдагыдай эле бүтүндөй бойдон ага берген. Герат Фаикке тиешелүү болгон. Абу Али Нисабурга салтанат менен кайткан жана Хорасандын казынасын ээлеп алган[4]. Нух аскер кармап туруу үчүн казынанын бир бөлүгүн өзүнө берүүнү сурап кат жазган, бирок ал кечирим сураганы менен эч нерсе берген эмес. Ошол эле учурда ал (акча) бербей койгону үчүн коркуп, жогоруда сөз болгон Богра-ханга кат жазып, аны Бухарага кол салып, Саманиддерден тартып алууга шыкактаган жана мунун мүмкүн экендигине ишендирген. Алар ошентип сөз байлашып, Мавераннахрды Богра-хан, Хорасанды Абу Али бийлемек болгон. Богра-хан бул өлкөнү башынан көксөп жүргөн, эми ал ушуга чындап ниеттенип калды.

Фаик болсо өзүнө келгенче Мерверудд турду. Ага тарапкерлери кошулду жана уруксат сурабастан туруп Бухара тарапка кошулду. Эмир Нух мындан шектенип, ага каршы аскер жөнөтүп, кармап келүүнү буюрду. Алар жолуккан жерден согушка киришти жана Фаик менен анын тарапкерлери качышты, эмир Нух болсо Термезди көздөй салды. Буга чейин эмир Нух ал-Жузжандын[5] акимине кат жазып (аким Абу-л-Харис Ахмад ибн Мухаммад Феригунид болчу), Фаикке кол салууну буюрган эле. Ал көп аскер жыйнап, ага карай жөнөгөн, бирок согушта Фаик аларды жеңип, качууга аргасыз кылган жана алардын мал-мүлкүн ээлеп алган жана ал да Богра-ханга кат жазып, // (70-бет) өлкөнү басып алууга үндөгөн.

Ал Бухарага карай жөнөп, Саманид өлкөсүнө кол салган жана анын көп жерлерин биринин артынан бирин каратып алган. Нух ага каршы көп аскер жөнөтүп, анын башчысы кылып өзүнүн негизги кол башчылырынын бири Инжди[6] дайындаган. Бирок Богра-хан алар менен беттешип, качууга аргасыз кылып, Инж баш болгон башчыларын колго түшүрүп алган. Аларды жеңген соң ал бул өлкөнү басып аларына чындап ишенип калды, ал эми Нух менен анын тарапкерлеринин шаабайы сууп калды. Эмир Нух Абу Али ибн Симжурга кат жазып, андан жардам сурап, аскери менен келүүнү буюрду, бирок ал буга жооп берген жок, ошентсе да ал Хорасандан чындап үмүттөнүп калды. Богра хан Бухарага багыт алды жана аны бул жерде Фаик тосуп алып, өзгөчө сый көрсөтүү менен ага кошулуп кетти.

Алар Бухараны камашты, эмир Нух болсо бекинип алды. Богра хан Бухараны ээлеп, анда туруп калды. Эмир Нух ал жерден жашыруун түрдө качып чыгып, дарыядан өтүп, Амул аш-Шаттка[7] баш калкалады. Ага тарапкерлери келип кошулду жана көп аскер чогулду, алардын баары ушул жерде турушту. Нух Абу Алиги кайра-кайра кат жазып, чабармандын артынан чабарман жөнөтүп, жалдырап жардам сурады, бирок ал ымга келбей койду. Фаик болсо Богра хандан Балхка барып, аны башкаруу үчүн уруксат сурады, ал болсо ошондой кыл ууга буйрук берди. Фаик ал жерге барып, ошол жерде туруп калды.

[1] Саманиддердин душманы болуп, эмир Мансурдун заманында Хорасанды башкарып турган (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 310 жана кийинки беттер) Эмир ар-Ради Нух ибн Мансур (365/976– 387/997).

[2] Фаик – саманиддердин кол башчыларынын бири, теги түрк, Герат менен Балхтын акими болуп турган (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 323 жана андан кийинки беттер).

[3] Текстте: ва-тава-л-маназила, сөзмө-сөз: «өргүүлөрдү жандап өтүп». 2 Текстте: ва-жаба амвала Хурасан.

[4] Текстте:      Айаж (Аяч)        болуш керек, караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 320-бет.

[5] Текстте: ва.

[6] Жээктен Амул, кийинки Чаржоу.

[7] Хулван ошол мезгилдеги Ирактын чыгыш чек арасында болгон.

                                                                       VII

                                                                 || (76-бет) 385/995-жыл

… Фаикке келе турган болсок, ал Мавераннахрдагы Илек ханга барды, ал болсо аны сый менен тосуп алып, борбор шаарын кайтарып берүүнү убада кылды жана Нухка кат жазып, Фаикке Самарканддын бийлигин берүүнү сурады. Ал буга макул болду жана Фаик анда (Самаркандда) туруп калды.

                                                                     VIII

                                                                389 (998–99)-жыл

// (105-бет) Ушул жылы Махмуд ибн Себук-тегин менен Илек-илхан ат-Туркинин (анын аты Абу Наср Ахмад ибн Али, ардактуу ылакап аты Шамс ад-Даула) аракетинин натыйжасында Саман уулдарынын мамлекети жок болду. // (106-бет) Алардын мамлекети зор болуп, көп жерлерди, Хулвандын[1] чек арасынан Мавераннахрдагы Түрк өлкөсүнө чейинки жерлерди камтыган. Тартиби жана адилеттүүлүгү боюнча бул эң мыкты мамлекеттердин бири эле…

[1] Хулван ошол мезгилдеги Ирактын чыгыш чек арасында болгон.

                                                                       IX

// (156-бет) 401/1010–11-жыл Илек-илхан менен анын бир тууганынын ортосундагы согуш жөнүндө баян

Ушул жылы Илек-илхан колун баштап, өзүнүн бир тууганы Туган хан менен согушканы жөнөдү, бирок Узгендге жеткенде оор кар түшүп, (Илек-илхан) Самаркандга кайтуута аргасыз болду. Жортуулдун себеби анын бир тууганы Йамин ад-Дауладан[1] Илек-илхандын Хорасан өлкөсүнө жасаган жортуулу үчүн кечирим сурап: «Мен андан муну күткөн эмес элем»,– деп айтканы, күнөөнүн баарын бир тууганына жүктөп, өзүнүн буга тиешеси жоктугун билдиргени болгон. Муну уккан Илек-илхан каарданып, жортуул жасаган эле.

[1] Йамин ад-Даула – Газналык Махмуд ибн Себук-тегин (388/998– 421/1030).

                                                                                X

// (169-бет) 403/1012–13-жыл Илек-илхандын өлүмү жана бийликтин анын бир тууганы Туган ханга өтүшү жөнүндө баян

Ушул жылы Хорасанга кайтып барып, Йамин ад-Дауледен өч алууга камынып жатып Илек-илхан каза болду. Ал Кадир хан менен Туган ханга[1] кат жазып, жардам сураган эле. Ал Йамин ад-Даулага элчилерин жөнөтүп, тынч жашоону сунуш кылуу менен: «Эгер сен Индияга жортуул жасасаң, мен түрктөргө жортуул жасасам, ислам менен мусулмандарга пайдалуу (болор эле), бир тарап экинчисин тынч койсо, бул достук мамиленин далили болот»,– деп айткан. Ал бута макул болуп, чыр-чатак тыйылган. Экөө тең капырларды басып алууга киришкен. Илек-илхан ак көңүл, адилет (киши) болгон, өзү динчил эле жана динге кызмат кылган кишилерди колдоп, илим менен илимдин кишилерин даңктаган жана аларга көп жакшылык кылган.

[1] Кадир хан жана Туган хан – Илек хандын туугандары жана ошол династиянын мүчөлөрү.

                                                                XI

                                                        408 (1017–18)-жыл

// (209-бет) Ушул жылы арасында хитайлар да бар 300 миңден көп үйлүү түрк уруулары Синден чыгып, Мавераннахрды басып алган, Алла Таала буюрса, баяныбыз ушул тууралуу болмокчу.

Алардын басып киришинин себеби Туган хан Туркестанды бийлеп турганда, катуу ооруп калат да, алар өлкөнү басып алууга ниеттенип жөнөшөт, өлкөнүн бир бөлүгүн басып алып, мал менен туткундарды алып кетишет. Баласагунда ооруп жаткан Туган ханга бул кабар жеткенде, алар шаардан сегиз күндүк жерге келип калган эле. Туган хан Алла Тааладан капырлардан өч алып, өлкөсүн коргоп калганча коё туруусун, андан кийин эмне кылса ошо кылуусун сурап жалынат. Алла Таала анын айтканына көнүп, аны айыктырат. Ал аскер чогултуп, элдерди жардамга чакырып, мусулман аймактарынын баарына кат жазган. Ошентип ал 120 миң ыктыярдуу кол кураган.

// (210-бет) Анын айыгып кеткенин, көп кол курап келатканын уккан түрктөр өз өлкөсүнө кайтышат. Ал алардын артынан үч ай кууйт, акырында алар душман алыс калды[1], кутулдук деп калганда кол салган. Ал алардын 200 миңден ашыгын өлтүрүп, 100 миңге жакынын колго түшүргөн, аттары менен үйлөрүн олжолоп, буга чейин мынчаны эч ким олжолоп көрбөгөн эсепсиз алтын жана күмүш идиштерди, Син буюмдарын алып Баласагунга кайткан. Баласагунга келген соң ал кайрадан ооруп, ошол оорудан каза болгон. Ал ак көңүл, адилет (киши) болгон, дин менен динге кызмат кылган кишилерди колдоп, илим менен илимдин кишилерин сүйгөн жана аларга көп жакшылык кылган…

[1] Мында Баласагундан (Чүй өрөөнүндөгү Караханиддердин борбору) аркы аралык жөнүндө сөз болуп жатат.

                                                             XII

// (210-бет) Анын бир тууганы Арслан хандын падышалыгы жөнүндө баян

Туган хан өлгөн соң анын бир тууганы Абу-л-Музаффар Арслан хан такка отурган, анын ардактуу ылакап аты Шараф ад-Даула. Ага жогоруда сөз болгон Богра хан Харун ибн Сулаймандын Бухараны бийлеп турган уулу Кадир хан Йусуф каршы чыкты. Ал Туган хандын Самарканддагы өкүлү болгон[1] жана Йамин ад-Даулага кат жазып, андан Арслан ханга каршы жардам сураган. (Йамин ад-Даула) Жейхунга кемелерди тизип туруп, аларды чынжыр менен бириктирип көпүрө жасап (көпүрө дегенди буга чейин бул жерде билишкен эмес), аны менен дарыядан өтүп, Арслан ханга каршы жардам берди. Кийин Йамин ад-Даула андан чочулап, өз өлкөсүнө кайтты[2].

Кадир хан менен Арслан хан Йамин ад-Дауланын өлкөсүнө кол салып, аны бөлүп алуу үчүн жарашты да, Балхка бирге киришти. Бул кабар Йамин ад-Даулага жетип, ал тигилер менен согушуп кирди. Эки тарап тең чыдап турду да, акырында түрктөр качып, Жейхундан өтүштү, кутулгандардан чөгүп өлгөндөр көбүрөөк болду. Хорезмдин башкаруучусунун элчиси согуш бүтөрү менен келип, Йамин ад-Даулени жеңиши менен куттуктады. // (211-бет) Ал: «Силер кайдан билдиңер»,– деп сурады. Ал: «Сууда агып бараткан шуштугуй калпактардан»,– деп жооп берди.

Йамин ад-Даула кайра аркы өйүзгө өттү. Бул өлкөнүн эли Кадир ханга Йамин ад-Дауланын аскеринин зордукзомбулугун айтып даттанды. Ал: «Биз менен жоонун ортосундагы иш жакында чечилет. Эгер биз жеңсек, силерди коргойбуз, эгер биздин душманыбыз жеңсе, силер бизден кутуласыңар»,– деп айтты. Анан ал Кадир хан экөө жолугуп, тамак жешти.

Кадир хан адилеттүү, адамгерчиликтүү киши болгон жана көп жолу жихадга чыккан1. Анын жеңип алган жерлерине Хотан да кирет, бул Син менен Туркестандын ортосундагы өлкө, мында окумуштуулар менен кадырман кишилер көп. Ошентип 423 (1031–32)-жылы ал өлгөнгө чейин ушундай болуп турду. Ал өлгөндөн кийин анын артында үч уулу калды; алардын бирөө Абу Шуджа Арслан хан болгон, ага Кашгар, Хотан жана Баласагун караган, анын атына хутба окулган. Анын ардактуу ылакап аты Шараф ад-Даула болгон. Ал эч качан шарап ичкен эмес, динчил кишилер менен окумуштууларды сыйлаган такыба киши болгон, мындай кишилер ага ар тараптан келип турушкан, ал болсо аларды тосуп алып, аларга колдоо көрсөтүп турган.

Богра хан ибн Кадир хан да анын уулдарынын бири. Ага Тараз менен Исбиджаб караган, бирок бир тууганы Арслан келип, анын жерин тартып алган. Алардын ортосунда согуш башталган. Арслан хан качып, бирок колго түшүп калган. Ал түрмөгө камалган, анын өлкөсү Богра

ханга өткөн. Кийин Богра хан падышалыкты уулу Хусайн Жагры-тегинге берип, аны мураскор деп жарыялаган. Богра хандын башка бир аялынан кичинекей уулу бар болчу. Ал аялдын буга жини келип, аны менен үй-бүлөдөн бир нече кишини уу берип өлтүргөн. Ал Арслан хан ибн Кадир хандын бир тууганын да муунтуп өлтүргөн. Бул иш 439 (1047–48)-жылы болгон. Аял анын жакын адамдарын да өлтүрүп, өзүнүн Ибрахим аттуу уулун такка отургузган да, аны аскер менен Йинал-тегин бийлеп турган Барсхан шаарына[3] жөнөткөн. Йинал-тегин аны жеңип, өзүн өлтүргөн, аскери болсо Ибрахимдин энесин карай качкан. Богра хандын балдары ынтымаксыз болгон жана аларга Самарканддын акими Тафгаж хан кол салган…

[1] Текстте: ва-кана йанубу ан Туган хан би-Самарканд.

[2] Утби менен Гардизиде бул жортуул тууралуу эч нерсе айтылбайт (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 342-бет).

[3] Ысык-Көлдүн жээгиндеги шаар (караңыз: В.В.Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, 32-бет).

                                                             XIII

                                    // (213-бет) Кашгар жана Туркестан жөнүндө баян

Кашгарга келе турган болсок, ал-Туркестандын шаары[1], жогоруда эскерилгендей, ал Йусуф Кадир хандын уулу Арслан ханга караган, андан кийин 15 ай бою Тараз менен Шаштын акими Махмуд Богра хандын колунда болгон. Ал өлгөндөн кийин аны Йусуф Кадир хандын уулу Тогрул хан башкарган. Анда падышанын бийлиги болгон жана Баласагунду бийлеген. Анын бийлиги 16 жылга созулган. Анан ал өлүп, такка уулу Тогрул-тегин келген, бирок ал эки ай гана падыша болгон[2]. Анан бийликке Харун Богра хан, Йусуф Тогрул хандын бир тууганы, Тафгаж Богра хандын уулу келген.

(Арслан хан)[3] Кашгарга өтүп, Харунду кармап алган. Аскери ага баш ийген жана ал Кашгарды, Хотанды жана анын тегерегиндеги Баласагунга чейинки жерлерди каратып алган да, 29 жыл падыша болгон. Ал 496 (1102–

03)-жылы өлгөн соң анын уулу Ахмад ибн Арслан хан бийликке келген. Ал халиф Мустазхирге[4] элчи жөнөтүп, ардактуу кийим жана наам сураган. Ал анын сураганын берип, Нур ад-Даула[5] деп атаган.

[1] Мадина Туркистан.

[2] Текстте:

[3] Аңгеме кайрадан Арслан хан жөнүндө боло тургандыгы байкалып турат.

[4] Мустазхир-аббасид халифи (1094-1118).

[5] Б.а. «Мамлекеттин жарыгы».

                                                                    XIV

     // (355-бет) 435(1043–44)-жыл Мавераннахрдагы түрктөрдүн окуялары тууралуу баян

Ушул жылы сафар айында (1043-жылдын сентябрь айында) Баласагун менен Кашгардын тегерегиндеги мусулман шаарларына түн ичинде басып кирип, талаптоноп кетип турган 10 миң үйлүү капыр түрктөр ислам динин кабыл алышты. Алар Курман айтта[1] 20 миң койду курмандыкка чалышты жана ошентип Алла Таала мусулмандарды кастыктан арылтты. Алар жайкысын Булгар аймагын жайлап, кышкысын Баласагундун тегерегинде кыштап келишкен, бирок ислам динине кирген соң алар бүт өлкөгө тарап кетишти; ар бир аймакта миңге жакын же андан көбүрөөк түтүн болуп, бул алардын коопсуздугуна жараша болгон, анткени алар бирин бири мусулмандардан коргоо үчүн биригишкен.

Түрктөрдүн арасында ислам динин кабыл албаган Син аймактарындагы татарлар менен хитайлар гана калды.

// (356-бет) Баласагун менен Түрк өлкөсүнүн өкүмдары Шараф ад-Даула[2] болгон. Ал такыба киши болгон жана бир туугандары менен жакын туугандарынын баш ийгенине ыраазы болуп, өлкөнү аларга бөлүп берген. Бир тууганы Арслан-тегинге Түрк өлкөсүнүн көп жерин, Тараз менен Исбиджабды бир тууганы Богра ханга, Фергананы бүт бойдон атасы менен бир тууган абасы Туга ханга, Бухара менен Самаркандды жана башка шаарларды Ибн Али-тегинге берген, өзү болсо Баласагун менен Кашгарга канаат кылган.

[1] 10-зу-л-хиджжа / 10-июль 1044-жыл.

[2] Шараф ад-Даула-Абу Шуджа Арслан хан II (болжол менен 421/1030–448/1056).

                                                                           XV

  // (365-бет) 438 (1046–47)-жыл Түрк элдеринин көчүшү

Ушул жылы Тибет аймагынан эсепсиз түрк көчүп чыкты. Алар Арслан ханга кайрылышты, анткени ал букараларына жакшы караган. Алар анын мамлекетине каршы иш кылбастан ушул жерде туруп калышкан[1]. Ал аларга кишилерин жиберип, аларды ислам динине кирүүгө үндөгөн, бирок алар макул болушкан эмес жана качып да кетишкен эмес.

[1] Алар өлкөнү басып алуу үчүн илгерилебестен, алгач келип отурукташкан жеринде кала беришсе керек.

                                                                 XVI

                                                            444 (1052–53)-жыл

// (400-бет) Абд ар-Рашид[1] муну билген соң өзүнүн жакын жана ишенимдүү кишилерин чогултуп, аларга бул кабарды айтты[2]. Алар мунун коркунучтуу экенин айтып, мындай дешти: «Куралданганга үлгүрбөйбүз, чепке барып баш калкалагандан башка айла жок». Ал Газна чебине чыгып кетти, эми ага эч ким жете алмак эмес. Кийинки күнү Тогрул шаарга келип, эмирдин сарайына токтоп, чептегилер менен Абд ар-Рашидди берүү жөнүндө сүйлөшө баштады. Ал аларды кызыктырып ар кандай сыйлыктарды сунуш кылды, аны бербесеңер, силерди да өлтүрөм деп коркутту. Анан алар аны (Абд ар-Рашидди) кармап беришти, ал аны өлтүрдү да шаарды ээлеп, Масуддун[3] кызына зордук менен үйлөндү.

Индия аймактарында Хирхиз деген эмир болуп, анын көп сандаган аскери бар болчу. Тогрул Абд ар-Рашидди өлтүрүп, бийликти алгандан кийин ага кат жазып, гузздардын колундагы аймактарды[4] кайтарып алууга жардам беришин сурады жана бул үчүн эсепсиз сыйлыктарды убада кылды. Бирок ал анын ишин жактырбай уяткарды жана ага каарданып, орой жооп кайтарды. Ал Тогрулдун аялы Масуд ибн Махмуддун кызына жана башкы кол башчыларга[5] кат жазып, падышасын жана падышасынын баласын өлтүргөн[6] Тогрулга чыдап отургандары үчүн аларды жемелеп, өч алууга үндөдү. Алар анын катын окугандан кийин жаңылыштык кетиргенин түшүнүштү. Алар тобу менен Тогрулга киришти да, алардын бири аны кылыч менен чапты, ага калгандары кошулуп, аны өлтүрүштү.

Хажиб Хирхиз[7] беш күндөн кийин келди жана Абд ар-Рашидге кайгырып, Тогрулду жана ага көмөкчү болгондорду айыптады. Ал башкы кол башчыларды жана шаардын белгилүү кишилерин чакырып, // (401-бет) аларга мындай деди: «Дин менен ыйманга терс иштер болгонун силер билесиңер. Мен букарамын, а иш үчүн өкүмдар керек. Эстегилечи, силерден ушундай ким бар?» Бийликти Фаррухзад ибн Масуд ибн Махмудга[8] берүүнү айтышты, ал болсо чептердин биринде камалуу болчу. Аны алып келишип, эмир сарайына отургузушту, Хирхиз болсо иштерди башкарып анын жанында калды. Ал Абд ар-Рашидди өлтүргөнгө жардам бергендердин баарын кармап өлтүрдү. Дауд[9], Тогрул бектин бир тууганы, Хорасандын башкаруучусу, Абд ар-Рашиддин өлтүрүлгөнүн уккандан кийин аскерин жыйнап, Газнага бет алды, бирок Хирхиз аны тосуп чыгып, аны менен согушту жана Даудду качуу га аргасыз кылып, алардын болгон мүлкүн олжолоп алды.

[1] Абд ар-Рашид – Маудуд Газневиддин абасы жана мураскору (440/1048–444/1053).

[2] Сөз хажиб Тогрулдун козголоңу жөнүндө болуп жатат.

[3] Масуд I Газневид (421/1030–432/1041).

[4] Б.а. ушул учурда Селжукиддер басып алган Газневид мамлекетинин аймактарын.

[5] Текстте: вуджух ал-куввад.

[6] Сөзмө-сөз: «өлүмдөн».

[7] Текстте: пайдаланган башка кол жазмаларда:

[8] Фаррухзад ибн Масуд ибн Махмуд (444/1053–451/1059) – Абд ар-Рашиддин жээндеринин бири.

[9] Жагры (Чагры) бек Дауд, Тогрул бектин бир тууганы жана тен башкаруучу, Селжук мамлекетин негиздегендердин бири (451/1059жылы өлгөн).

                                                                          XVII

                                         (X том) // (114-бет) Самарканддын баш ийбестиги жөнүндө баян

Жикилийа[1] деген ат менен белгилүү болгон Самарканд аскеринин башчысы Айн ад-Даула ушул окуядан улам султандан коркуп, Йакуб-тегинге, кат менен кайрылып, өзүнө чакырды. Йакуб-тегин Кашгар падышасынын (анын падышалыгы Аб Набаши[2] деген ат менен белгилүү болгон) бир тууганы болуп, чеп анын колунда болгон. Ал Самаркандга келип, экөө келишим түзүштү. Анан Йакуб аны менен иш болбой турганын түшүнүп, андан запкы көргөн букараларын ага каршы тукурду жана өлтүргөн адамдардын каны үчүн Йакуб казылардын чечими менен аны өлтүрдү. Бул кабар Мелик-шахка жетип, ал Самаркандга кайтып келди.

… Мелик-шах Самарканддын баш ийбегенин жана Айн ад-Дауланын, жикилийанын башчысынын өлтүрүлгөндү гүн уккан соң Самаркандга кайтып келди. Ал Бухарага келгенде, // (115-бет) Самаркандды ээлеп алган Йакуб Ферганага качып, өзүнүн ээлигине барды. Анын аскеринин бир тобу[3] султанга баш калкалап келди. Аны ат-Тавасис[4] деген кыштакта тосуп алышты. Султан Самаркандга келген соң аны ээлеп, ага эмир Абраны (?) (башкаруучу) кылып дайындап, өзү Йакубдун артынан түштү жана Узгендге токтоп, аскерин аны издөөгө жөнөттү. Султан Йакубдун бир тууганы Кашгар падышасына кишилерин жиберип, Йакубду кармап берүүнү талап кылды. Йакубдун аскери ага каршы козголоң чыгарып, казынасын талады, ал өзү болсо атчан Кашгардагы агасына баш калкалап качууга аргасыз болду. Султан муну угуп, Кашгар падышасына кайрадан кишилерин жиберди жана Йакубду кармап бербесе, өлкөсүн басып аларын айтып коркутту.

Кашгар падышасы султандан корксо да, өзүнө баш калкалап келген бир тууганын кармап берүүгө колу барбай турду, падышалык бийликтен улам мурунтан атаандашып, каршылашып жүрсө да, жаманатты болгондон кооптонду. Акыры ал бир тууганы Йакубду кармап алды да, аны издеп жатабыз деп жарыялады. Анан ал уулун жана жакын адамдарын кошуп туруп (аны) жөнөтүп жиберди. Ал аны менен кошо султанга көп сандаган белектерди жөнөттү жана уулуна султанга жакын жердеги чепке барганда Йакубдун көзүн оюп, ошол жерге калтырып кой, балким, султан ушуга ыраазы болор, эгер болбосо, анда колуна бер деп буйрук берди.

Чепке келгенде Кашгар падышасынын уулу атасы буйрук бергендей абасынын көзүн оюп коюуну ойлоду. Ал аны байлап, жерге жаткыргыла деп буюрду, алар анын буйругун аткарып, көзүн оюу үчүн ийнени алып келип даярданып жатышканда чуу чыгып калды. Алар аны таштап коюшуп кеңеше башташты. Алар жеңилип калганын угушту. Ушундан кийин алар анын көзүн оёлу дешти, бирок айрымдары буга каршы чыгышты. Йакуб аларга мындай деди: «Силер мага жагдайыңарды айткыла, менин башыма келген иш силердин башыңарга да келбей койбойт. Эгер мага жамандык кылган болсоңор, анда күнөөңөрдү мойнуңарга алгыла». Алар ага: «Тогрул ибн Йинал[5] он миңдеген аскери менен 80 фарсах жерге жортуул жасап, Кашгардагы бир тууганыңа капысынан кол салып, өзүн колго түшүрүп, аскерин талап-тоноп алып, кайра өлкөсүнө кайтып кетиптир»,– дешти. (Йакуб) аларга мындай деди: «Мага кылганы жаткан ишиңер менен // (116-бет) силер Алла Таалага жакындабайсыңар, бирок муну менин бир тууганымын буйругу боюнча жасадыңар, эми анын буйругу бүттү». Ал аларды кечирди, ошентип аны коё беришти.

Султан ошентип, Тогрул ибн Йиналдын кылган ишин, анын Кашгарга жасаган жортуулун, падышасын өлтүрүп, ал жерди ээлеп алганын, ошондой эле анын өзүнө жакын жерде экенин жана салакасынан өзүнүн начарлап калышы мүмкүн экендигин көрдү. Ал ошондой эле Тогрулга кол салса, анын кутулуп кетерин, эгер өзү чегине турган болсо, өлкөсүнө кайтарын, Кашгар падышасынын бир тууганы Йакуб да ушундай кыларын түшүндү жана артында турган өлкөсүнүн чоңдугунан чочулады. Ал Тадж ал-мүлккө[6] Йакуб менен келишим түзүүнү буюрду жана ал султандын буйругун аткарды. Ал Йакуб экөө бир бүтүмгө келишти да, ал (султан) Хорасанга кайтты. А Йакубга болсо Тогрулга каршылык көрсөтүп, анын күч алышына жана өлкөнү ээлеп алышына жол бербөөнү буюр ду. Алар бири-бири менен тирешип калышты.

[1] Жикили (чигили) – Ысык-Көлдүн айланасында жашаган чыгыш түрк уруусунун аты. Караханиддердин түрк аскеринин аты ушундан келип чыккан (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 315, 380-беттер; Отчет, 59–60, 125-беттер).

[2] Текстте: Нарын өрөөнүндөгү Йакуб-тегинге караган Ат-Башы шаарынын кол жазмадагы жаңылыш берилген аты деген окулуш кандай болгондо да Ат-Башы формасына барып такалат (караңыз: В.В.Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию…, 41–43-беттер, 41-беттеги 3-эскертүү).

[3] В.В.Бартольд (Туркестан…, 380-бет) бүт аскердин султан тарапка өтүп кеткенин айтат.

[4] Ат-Тавасис (сөзмө-сөз: «тоостор (павлиндер)») – Бухарадан Самаркандга кеткен илгерки жолдогу Бухарадан жети-сегиз фарсах алыстыкта турган кыштак (бул боюнча караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 149-бет).

[5] Тогрул ибн Йинал – сыягы, Барсхандын башкаруучусу болсо керек (караңыз: В.В.Бартольд, Очерк истории Семиречья, 99-бет).

[6] Тадж ал-мүлк – Мелик-шахтын ишенимдүү кишиси, везир Низам ал-мүлктүн атаандашы жана мураскору.

                                                           XVIII

                               (XI том) // (53-бет) 536 (1141–42)-жыл Султан

Санжардын түрк-хитайлардан качышы жана алардын Мавераннахрдагы өкүмдарлыгы жөнүндө баян

Кийинки тарыхчылар бул окуяны ар кандай айтып жүрүшөт. Биз жаңылыштык кетирип, сөзүбүз эки ача чыгып калбас үчүн алардын (бул пикирлердин) бардыгын бирге баяндайбыз. Биз мындай дейбиз: ушул жылдын мухаррам айында (1141-жылдын август айында) (айрымдар сафар (сентябрь) айында дешет) султан Санжар капыр түрктөрдөн жеңилип калат. Анын себеби мындай болот. Биз жогоруда сөз кылгандай, Санжар хорезмшахтын уулу Атсыз ибн Мухаммадды өлтүрүп коёт. Хорезмшах Мавераннахрдагы хитайларга кат жөнөтүп, аларды султан Санжардын өлкөсүнө кол салууга кызыктырып тукурат, Алар 300 миң атчан менен келет да, Санжар өз аскери менен аларга каршы аттанат. Алар Мавераннахрда кездешип, катуу согуш болот. Санжар аскери менен качат, алардан 100 миң киши өлөт, алардын ичинде 12 миң чалмачан[1], 4 миң аял болуп, Санжардын аялы да туткунга түшүп калат.

Толук жеңилген султан Термезге качып, андан Балхка бет алган. Санжар жеңилгенден кийин хорезмшах Мервге кол салган жана султан Санжардын жоктугунан пайдаланып, адамдарды өлтүргөн жана Абу-л-Фадл ал-Керманини, ханифит казысын жана казылардын бир тобун, шаардын белгилүү кишилерин кармап алган. Ушул мезгилге чейин султан Санжарды // (54-бет) ийгилик жылоолоп келген, анын туусу эч качан жыгылган эмес. Ушул жылы толугу менен жеңилип калган соң ал султан Масудга[2] кат жөнөтүп, Рейди өзү каалагандай башкарууг а уруксат берди жана анын атасы султан Мухаммад менен түзүлгөн келишимге ылайык аскерин даяр кармап турууга буйрук берип, эгер зарыл болуп калса чакырарын билдирди.

Рейдин акими Аббас аскери менен Багдадга келип, Масудга кулдук урду, султан болсо абасы Санжардын буйругуна баш ийип, Рейге жөнөдү.

Курамына Кашгар жана Баласагун, Хотан, Тараз шаарлары жана алар менен чектешкен Мавераннахрдагы башка шаарлар кирген Туркестан өлкөсү түрк падышаларынын, хандарынын колунда болгон деп айтышат. Алар Афрасиаб Түрктүн мусулман тукумдары, дайыма бири-бири менен чатакташып турушат. Алардын бабасы[3] Шабук Кара-хакандын ислам динин кабыл алганынын себеби түшүндө бир киши асмандан түшүп, түркчө мындай дептир: «Ислам динин кабыл ал! Сен бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жыргайсың». Анан ал түшүндө исламды кабыл алыптыр жана эртең менен ойгонсо, мусулман болуп калыптыр.

Ал өлгөн соң анын ордун уулу Муса ибн Шабук баскан. Ошентип бул аймакта анын тукумдары Арслан хан ибн Мухаммад ибн Сулайман ибн Дауд Богра хан ибн Ибрахимге (ардактуу ылакап аты Тигаж хан), ардактуу ылакап аты Наср болгон Илектин уулу Арслан ибн Али ибн Муса ибн Шабукка чейин падыша болуп келишти. Ал (Арслан) 494 (1100–01)-жылы Кадир ханга каршы чыканда ал анын падышалыгын алып койгон, бирок Санжар Кадир ханды өлтүрүп, Арсланга өлкөсүн кайтарып берген. Ал бутуна туруп кетти, бирок козголоңдор чыгып, ал султан Санжарга кайрылды, ал аны коргоп, падышалыгын кайра алып берди. Анын аскеринде карлук[4] деген түрктөрдүн бир түрү[5] жана гуз түрктөрү бар, гуз түрктөрү Хорасанды талап-тоношкон. Алла Таала буюрса, бул тууралуу да сөз кылабыз. Булардын да эки түрү бар. Бир түрүн ужук[6] дешет, алардын эмири Дадиктин уулу Тути, ал эми экинчисин бузук[7] деп аташат. Алардын эмиринин аты – Коргут ибн Абд ал-амид.

Самарканд алиди Шариф ал-Ашраф ибн Мухаммад ибн Абу Шуджа болсо Арслан хандын Наср хан деген уулун атасынын падышалыгын тартып алууга козутуп, аны үмүттөндүрдү. Мухаммад хан муну билип калып уулу менен Шариф ал-Ашрафты өлтүрдү. Арслан хан менен карлук аскеринин ортосунда чыр чыгып, натыйжада аскер ага баш ийбей, падышалыгын тартып алды. Ал кайрадан султан Санжардан жардам сурады. Санжар 524 (1129–30)-жылы аскери менен Жейхунду кечип, // (55-бет) (алардын жакындык жайы бар эле)[8] Самаркандга келгенде карлуктар качып кетишти.

Бир күнү султан Санжар ууга чыгып, бир топ атчандарды көрдү. Ал аларды кармап алып, суракка алганда, алар Арслан хан Санжарды өлтүрүп келгиле деп жибергенин айтышты. Ал Самаркандга кайтып келип, чептин ичиндеги Арслан ханды камады жана чепти алган соң аны колго түшүрүп, Балхка айдап жиберди, ал ошол жерде өлдү. А башкалар айтышат: «Жок! Санжар (өзү ) ага чыккынчылык кылган да, бул ушакты жайып жиберген»[9]. Шаарды алган соң ал Хасан тегин деген ат менен белгилүү болгон Кылыч Тамгаж Абу Ма’али ал-Хасан ибн Али ибн Абд ал-Муминди амил кылып дайындады. Ал атактуу хан тукумунан[10] болчу, Арслан хан аны бийликке жолотпой жүргөн. Анын үстүнө Хасан Санжардын карындашынын уулу болгон. Бирок анын Самарканддагы бийлиги узакка созулган жок, көп өтпөй эле ал өлүп калды. Санжар анын ордуна Арслан хандын уулу Махмудду койду. Санжар Самаркандды анын атасынан тартып алган. Махмуд да Санжардын эжесинин уулу болчу.

Буга чейин 522 (1128)-жылы Кыйшык, а бул Кур-хан ас-Сини[11], Кашгардын чек арасына санын бир Алла Таала билбесе эч ким билбеген көп аскер менен келген. Кашгардын палышасы, б.а., илхан Ахмад ибн ал-Хасан ага каршы камынган. Ал аскерин жыйнап, ага каршы аттанган. Алар согушуп, Кыйшык Гурхан жеңилип, көп аскери кырылган. Кийин ал (илхан Ахмад) өлгөн соң анын ордун Гурхан ээлеген. «Ку» – хитай тилинде – падышалардын падышасы, ал эми «хан» – түрктөрдүн падышаларынын аты, ошентип бул сөз «падышалардын, падышасы» деген маанини билдирет. Ал үлбүрчөк сыяктуу падышалык кийим кийип жүрчү эле. Ал манихей болгон.

Ал Синден чыгып Туркестанга бет алганда ага түркхитайлар кошулду. Алар Синден мурдараак чыгып, Түркстандагы хандардын кызматында жүрүшкөн. Арслан хан Мухаммад ибн Сулайман 16 миң үй-бүлөнү көчүп келүүгө мажбурлаган. Алардын мурунку журту[12] Синдин чек арасында болгон. Алар анын (Арслан хандын) өлкөсүнө эч кимди киргизбей турушкан жана бул үчүн сыйлыктар менен жерлерди[13] алышкан.

Жылдардын биринде ал аларга (түрктөргө) жини келип, көбөйбөсүн үчүн аларды аялдарынан бөлүп койду. Бул алар үчүн оор болду, аялдары менен кошулууну каалашып, бирок чечкинсиздик кылып турушту. Бир күнү алардын жанынан кымбат баалуу жүгү бар кербендер өтүп калды. Алар кербенди кармап алып, соодагерлерди алып келишти да мындай дешти: «Эгер мүлкүңөрдү (сактап калгыңар) келсе, // (56-бет) биз малыбыз менен бата турган жайыты кенен аймакты[14] көрсөтүп бергиле». Соодагерлер ойлонуп көрүп, Баласагын аймагын айтышты жана аны сүрөттөп беришти. Алар соодагерлердин мүлктөрүн кайрып беришти, аялдарына кошулбасын деп карап жүрг өн сакчыларды байлап салышты да, аялдарын алып, Баласагунга жөнөштү. Арслан хан аларды чаап, көп жолу аларга жихад жасаган, алар андан абдан коркушкан. Көпкө чейин ушундай болуп турду, анан Гурхан келгенде алар ага дароо кошулуп кетишти да, алардын абалы оңолуп, аскери эки эсеге көбөйдү. Түркстан өлкөсүн басып алышты, алар шаарды басып алганда, шаардын тургундарына тийишкен эмес, болгону шаарлардагы жана кыштактардагы ар бир үйдөн бир динардан (салык) алышкан[15]. Ал эми эгин талаалары жана жер аянттары калкка[16] берилген. Аларга баш ийген падышалар көкүрөгүнө күмүш тактайча тагынган; бул аларга баш ийгендиктин белгиси болгон.

Анан алар Мавераннахр өлкөсүнө багыт алышты. Хакан Махмуд ибн Мухаммад 531-жылдын рамадан айында (1137-жылдын май-июнь айларында) аларды Ходженддин чек арасынан тосту. Алар согушуп, хакан Махмуд ибн Мухаммад жеңилип, Самаркандга кайтты. Бул окуя шаардын тургундарынын ындынын өчүрүп, эртели-кеч балакеттин болорун күтүп калышты. Бухаранын жана Мавераннахрдагы башка шаарлардын тургундарынын жагдайы да ушундай эле.

Хакан Махмуд султан Санжарга киши жиберип, жардам сурады жана мусулмандар эмнеге туш болгонун баян дап, коргоп калууну өтүндү. Ага (Санжарга) Хорасан бектери[17], Сиджистан менен Гурдун башкаруучулары, Газна менен Мазандерандын бектери жана башкалар кошулду. Ошентип 100 миңден ашуун кол чогулду, колду даярдыктан өткөрүү алты айга (созулду). Санжар түрктөргө каршы аттанып, 535-жыл Нын зу-л-хидджа айында (1141-жылдын июль айында) Мавераннахрга өттү. Махмуд ибн Мухаммад хан ага түрк карлуктардын үстүнөн даттанды жана Санжар аларга кол салды. Алар Гурханга жана анын тегерегиндеги капырларга барып баш калкалашты. Санжар Самаркандга токтоду. Гурхан ага кат жөнөтүп, түрк карлуктарга кечирим беришин талап кылды.

Бирок ал (Санжар) буга макул болгон жок, кайра ага кат жазып, исламды кабыл алууну талап кылды жана эгер кабыл албаса жаман болорун айтып коркутту. Ал өз аскеринин көптүгүн жана ар кандай куралдар менен согуша тургандыгын айтып жатып берилип кетти да мындай деди: «Алар жебе менен кылды жара атат». Бул кат султандын везири Тахир ибн Фахр ал-мүлк ибн Низам ал-мүлккө жаккан жок, бирок ал (султан Санжар) анын сөзүнө кулак салбай, катты жөнөтүп жиберди. Катты Гурханга окуп бергенде // (57-бет) ал элчиге сакалыңан бир тал жулуп, ийне менен жара сайып бер деп буйрук бергенде, ал анте алган жок. Ошондо ал минтип айтты: «Сен ийне менен жара сая албаган немени ким жебе менен жара ата алат?» Анан Гурхан согушка даярдана баштады, анда түрк, син, хитай жана башка аскерлер бар эле.

Ал султан Санжарга каршы аттанып, эки тарап Катаван[18] деген жерде беттешти. Гурхан аларды айланып өтүп, Даргам[19] деген капчыгайга кысып алды. Санжардын оң канатында эмир Кумаж, сол канатында Сиджистандын падышасы, артында дасыккан жоокерлер[20] бар эле. Алар 536-жылы 5-сафарда (1141-жылы 9-сентябрда) согушушту. Султан Санжардан качкан түрк карлуктарга согушта эч ким тең келе алган жок. Султан Санжардын аскеринин ичинен Сиджистан бегиндей согушкан киши болбоду, бирок мусулмандар качууга аргасыз болушту, эсепсиз киши өлдү. Даргам капчыгайында өлгөнү менен жарадары болуп 10 миң киши калды. Султан Санжар жеңилип качып кетти, Сиджистандын беги, эмир кумаж жана султан Санжардын аялы (Арслан хандын кызы) колго түштү, бирок (Гурхан) аларды коё берди. (Туткунга түшкөндөрдүн ичинде) атактуу ханифит казысы ал-Хусам Омар ибн Абд ал-Азиз ибн Маза ал-Бухари[21] да бар эле.

Исламдын тарыхында мындай чоң согуш болгон эмес жана Хорасанда да мындай көп киши өлгөн эмес. Хитайлар менен капыр түрктөр Мавераннахрда өз мамлекетин орнотушту. Гурхан 537-жылдын раджаб айына (1143жыл 20-январь – 18-февраль) чейин жашады. Ал сулуу, келишимдүү киши болгон, кытай жибегинен башка нерсе кийген эмес, жакын кишилери андан сүрдөп турушчу, эмирлерге үлүш жер берген эмес[22], бирок өзүнүн атынан белек кылып берген, «үлүш жер алышса, залимдик кылат» деп айтчу, өзүнө каршы козголоң уюштурат деп эмирлерди жүздөн ашык атчанга башчы кылган эмес. Ал өзүнө баш ийгендерге ичкилик ичип, бирөөлөрдү басмырлоого тыюу салган, бирок ойноштукка жол берген жана муну жаман нерсе деп эсептеген эмес. Андан кийин анын кыздарынын бири падышалык кылды, бирок ал көп өтпөй эле өлүп калды. Андан кийин анын энеси, Гурхандын аялы жана анын уулу Мухаммад падыша болду – Хорезмшах Ала ад-Дин Мухаммад 612 (1215–16)-жылы тартып алганга чейин Мавераннахр хитайлардын колунда турду, Алла Таала буюрса, бул тууралуу да сөз болот.

// (59-бет) Султан Санжар Мавераннахрдагы хитайлардын күчүнөн жана алардын жакындыгынан чочулап, хорезмшах Атсыз менен согушкан жок.

[1] Аалымдар менен казылар тууралуу сөз болуп жатат.

[2] Масуд ибн Мухаммад ибн Мелик-шах – Санжардын жээни (иниси), селжуктардын ирак бутагына таандык, Багдадды бийлеп турган (528/1133–547/1152).

[3] Текстте: «Анын чоң атасынын атасы». Караханиддердин ислам динин кабыл алышы тууралуу караңыз: В.В.Бартольд, Очерк истории Семиречья, 41-бет. Башка булактардагы уламыштарга караганда, ислам динин кабыл алган биринчи караханид өкүмдары Сатук Кара-хакан болгон.

[4] Текстте: караңыз: МИТТ, I том, 386–387-беттер.

[5] Текстте: нау, «түр», «уруу», «топ», «категория» деп которулушу мүмкүн.

[6] 3 Текстте: учук деп окулууга тийиш.

[7] 4 Текстте:  караңыз: МИТТ, I том, 386–387-беттер.

[8] Санжардын аялы Арслан хандын кызы болгон.

[9] Текстте: Фа-аша анху залика.

[10] Мында Караханиддердин династиясы тууралуу сөз болуп жатат.

[11] Кур-хан ас-Сини (Гурхан) – кара кытай (кара-хитай) мамлекетинин башчысы, булакта бул энчилүү аттын ордуна колдонулган; кийинки баяндамада кара кытайлардын Чыгыш жана Батыш Туркестанды бийлеп калганы айтылат [«гурхан» деген термин (титул) тууралуу караңыз: В.В.Бартольд, Киргизы, 9 жана 10-эскертүүлөр].

[12] Текстте: манзилухум.

[13] 2 Текстте: (акчалай?) сыйлык жана икта.

[14] Текстте: балад.

[15] Текстте: бал йахузуна мин кулли байтин динаран мин-ахли-лбиладин ва гайраха мин ал-кура.

[16] Башкача айтканда, шаарлар менен кыштактардын калкына.

[17] Текстте: мулук, бул мезгилдеги «малик» деген түшүнүк байыркы «падыша» дегенге караганда «бек (князь)» дегенге жакыныраак.

[18] Катаван – Самарканд аймагындагы Самарканддан беш фарсах алыстыкта турган кыштак (караңыз: Якут, IV, 139-бет) жана салгылашуу болгон Катаван талаасы (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 177, 186, 389-беттер).

[19] Текстте:  Якутта бул жок. В.В.Бартольддун пикири боюн ча, Даргам суусу (Туркестан…, 389-бет, 7-эскертүү).

[20] Текстте: ал-абтал (баталдын жекелик саны) – «эр жүрөк баатырлар», согушта чегинбеген жана башкалардын чегинип качышына жол бербеген жоокерлер.

[21] «Садр» – сөзмө-сөз: «негиз» деген титулду алып жүргөн Бухаранын мураскор башкаруучусу (караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 300-бет).

[22] Текстте: икта.

                                                                         XIX

                                                          // (133-бет) 550 (1155–56)-жыл

Ушул жылы зу-л-хиджжа айында (1156-жылы январдын аягы – февралдын башында) түрк карлуктар Мавераннахрда Тамгаж ханды[1] өлтүрүштү да сөөгүн чөлгө ыргытып жиберишти жана жаман иштерди кылган деп айыпташты[2]. Ал дараметсиз падыша эле, андан эч ким коркчу эмес.

[1] Тамгаж (Тамгач) хан Ибрахим-Арслан хан Мухаммаддын уулу, Самарканддын башкаруучусу.

[2] Сөзмө-сөз: «Анын тегин жаман дешти».

                                                                       XX

                                                           // (205-бет) 559/64-бет.

                                 Карлуктардын Мавераннахрдан көчүшү тууралуу баян

Хитайлардын падышасы, хандардын ханы ас-Сини Самарканд менен Бухаранын бийлигин Хасан-тегиндин уулу илхан Жагры ханга берди жана алман чогултуп берип турууну буюрду. Ал байыркы хан тукумунан болуп, Самаркандда турчу жана ошол жердеги иштерди башкарчу. Хитайлардын падышасы болсо эми ага курал-жарак алып жүрүүнү токтотуп, жер иштетип же башка иштерди кылсын үчүн Бухара жана Самарканд аймагындагы карлук түрктөрдү Кашгарга жөнөтүүнү буюрду. Жагры хан бул буйрукту аткарууга аракет кылганда, алар муну аткаруудан баш тартышты. Ал аларды милдеттендирип, көчүүнү талап кылды. Ошондо алар ич ара сүйлөшүп чогулушту да, Бухарага карай жөнөштү.

Бухаранын башчысы[1] казы Мухаммад ибн Омар ибн Бурхан ад-Дин Абд ал-Азиз ибн Маза Жагры ханга киши жөнөтүп, бул тууралуу билдирди жана карлуктар көбөйүп, өлкөнү талап кеткенче келип калууну сурады. Ибн Маза аларга да киши жиберип, мындай деп айтууну буюрду: «Кечээ эле капырлар бул өлкөдөн өткөндө талап-тоноо менен киши өлтүрүүдөн тартынышчу, а силер болсо мусулман аскерисиңер, бирөөнүн мүлкүнө кол салып, канын төгүү силер үчүн уят. Мен силерге каалаганча байлык берем, силер талап-тоноо менен чаап алууга барбасаңар эле болду». Келишим түзүү үчүн ортодо элчилер жүрө баштады: Ибн Маза Жагры хан келгенче аларды алаксытып кармап турду. Түрк карлуктар муну Жагры хан кокусунан пайда болуп, чилдей таратып кылычтап киргенде гана алар түшүнүштү. Алар туш-тушка качып тарап кетишти, көбүн өлтүрүп, талап-тоношту. Алардын бир бөлүгү[2] аңдарга жана бадалдарга бекинип калышты, бирок Жагры хандын кишилери аларды таап алып, акыркысына чейин кырышты. Бухара менен анын тегерегиндеги жерлер коркунучтан кутулду.

[1] Текстте: реис.

[2] Текстте: ат-таифа, бул «уруу» деген маанини да билдириши мүмкүн.

                                                                  XXI

                                     // (246-бет) 597 (1200–01)-жыл Хитайлардын

Жейхундан өтүшү жана алардын хорезмшахтар менен болгон согушу тууралуу баян

Ушул жылы хитайлар Жейхун дарыясынан өтүп, Хорезмге багыт алышты. Анын башкаруучусу хорезмшах Ил Арслан ибн Атсыз (муну) утуп, аскерин жыйнады да, аларды сүрүп салмак болуп Амуйага[1] барды да, ооруп калып, ошол жерде туруп калды. Ал улуу эмирди баш кылып аскеринин бир бөлүгүн душманга каршы аттандырды; эки тарап беттешип, катуу согуш болду. Хорезмдиктер качып, алардын башчысы туткунга түшүп калды. Хитайлар аны алып Мавераннахрга кайтышты, хорезмшах болсо Хорезмге ооруп кайтты.

[1] Текстте:  бирок  болуп окулуш керек, араб булактарында Амул аш-Шатт (79-беттеги 15-эскертүүнү караңыз).

                                                               XXII

(XII том) (Хитайлардын, хорезмшахтын жана Гур падышаларынын ортосундагы Мавераннахр үчүн болгон күрөш)

// (28-бет) 594/1197–98)-жыл. Гурлардын капыр хитайлардан Балх шаарын алышы тууралуу баян

Ушул жылы, Газнанын жана башка жерлердин[1] (Бамиан[2] да ага караган) өкүмдары Гийас ал-Дин менен Шихаб ад-Диндин эжесинин уулу Баха ад-Дин Сам ибн Мухаммад ибн Масүд Балх шаарын ээлеп алды. Анын башкаруучусу Узбех[3] деген түрк болгон. Ал жыл сайын Мавераннахрдагы хитайларга хараж берип турган. Ушул жылы ал каза болду жана Баха ад-Дин Сам шаарга барып, аны каратып алды да башкара баштады, хитайларга хараж төлөөнү токтотту, Гийас ад-Диндин ысымына хутба окутту. Ошентип, капырларга баш ийип келген (шаар) ислам аймагына кошулду.

// (88-бет) Хитайлардын гурлардан качышы тууралуу баян

Ушул жылы хитайлар Жейхундан өтүп, Хорасан аймагында оюна келгенин кыла башташты. Гийас ад-Диндин аскери аларды тосуп чыгып беттешти жана хитайлар жеңилди. Мунун себеби мындай болгон. Хорезмшах Текеш Рей, Хамадан, Исфахан аймактарына жана алардын тегерегиндеги жерлерге кирип, ал жерлерди ээлеп алды жана халифтин аскерлерине[4] каршылык көрсөтүп султанатка жана Багдаддагы хутбага умтула баштады. Халиф // (89-бет) Гур менен Газнанын падышасы Гийас ад-Динге киши жиберип, Иракка жортуулга бараткан хорезмшахтын өлкөсүнө кол салууга буйрук берди. Хорезмшах Хорезмге кайтты. Гийас ад-Дин ага кайрылып, аны уяткарды жана өлкөсүнө кол салып, тартып ала турганын билдирди.

Хорезмшах хитайларга киши жиберип, Гийас адДиндин үстүнөн даттанды жана алар аскер жиберип чара көрбөй турган болсо, Гийас ад-Дин Балх сыяктуу эле өзүнүн өлкөсүн да басып ала турганын, анан аларга кезек келе турганын, мындай болгондо аны Мавераннахрдан кайтаруу кыйын болуп кала турганын айтты. Хитайлардын падышасы Тайанку[5] деген ат менен белгилүү болгон везир сыяктуу кишисин баш кылып көп сандаган аскер жөнөттү. Алар аттанып чыгып, жумада ал-ахира айында (1198-жылдын апрель-май айларында) Жейхундан өтүштү. Кыш мезгили болчу[6], Шихаб ад-Дин Гури, Гийас ад-диндин бир тууганы аскери менен Индия өлкөсүндө эле. Гийас ад-Дин болсо муун оорусуна чалдыгып, жакшы кыймылдай албай жаткан, аны замбилде көтөрүп жүрүшкөн. Аскерге анын бир тууганы Шихаб ад-Дин жетекчилик кылчу жана аскер ишин ошол билчү. Хитайлар Жейхунга жеткенде хорезмшах Гератты басып алууну көздөп, Туска кирди.

Хитайлар дарыядан өтүп, Гур өлкөсүнө, атап айтканда,

Курзабан[7], Шапуркан жана башка (жерлерге) киришти, өлтүрүштү, туткунга алышты, талап-тоношту. Эл Гийас ад-Динди чакырды, бирок анда хитайлардын мизин кайтара турган аскер жок эле.

Хитайлар Бамиандын падышасы Баха ад-Дин Самга кайрылып, Балхтан чыгып кетүүнү жана андан мурункулар берип турган акчаны берүүнү талап кылышты, бирок ал буга жооп берген жок.

Хитайлар мусулмандарга пенде көрбөгөндү көрсөтүштү, ошентип турганда гурдук эмир Мухаммад ибн Жур-бек (согушка) даяр экенин билдирди. Ал Гийас ад-Диндин Таликанга койгон муктасы болчу жана өзү эр жүрөк киши эле. Ал Курзабан чебиндеги ал-Хусайн ибн Хармилге[8] кат менен кайрылды. Аларга гурдук эмир Хурруш кошулду.

Алар аскерлери менен хитайларга каршы аттанышты да, түн ичинде барып хитайларды басышты. А хитайлар салты боюнча түн ичинде чатырынан чыгышпайт жана чатырын таштап кетишпейт. Гурдуктар хитайлардын көбүн өлтүрүштү, аман калгандары качышты, гур аскерлери алардын артынан калбай кууп жүрүп отурушту. Ошентип отуруп алар Жейхунга келишти. Хитайлар Гийас ад-Дин аскери менен келип басты деп ойлошкон эле. Таң аткан соң алар ким менен согушуп жатканын көрүштү да кайраттанып, күнү бою катуу туруп согушушту. Эки тараптан тең абдан көп киши // (90-бет) өлдү. Гурдуктарга ыктыярдуулар келип кошулду жана согуш учурунда Гийас ад-Динден да жардам келди. Мусулмандар катуу турушту, алар капырларга чоң зыян келтиришти. Эмир Хурруш хитайлардын ортосун каптады; ал жашы барып калган киши эле, жарадар болуп каза тапты. Анан Махмуд[9] ибн Жур-бек менен Ибн Хармил жоокерлери менен чабуул га өтүп: «Эч ким жаа атып, найза сайбасын!» – деп ураан чакырышты. Алар хитайларды таяк менен сабап, Жейхунга кууп киришти. Каршылык көрсөткөндөрдү өлтүр үштү, сууга киргендер чөгүп өлүштү. Бул кабар хитайлардын падышасына жеткенде ал дендароо болуп отуруп калды. Ал хорезмшахка киши жиберип, мындай деди: «Менин кишилеримди өлтүргөн сенсиң, эми ар бир өлгөн кишиге 10 миң динар бересиң».

А өлгөндөр болсо 12 миң эле. (Хитайлардын падышасы) хорезмшахты алып келгенге кишилерди жиберди. Хорезмшах болсо Гийас ад-Динге киши жиберип, хитайларды, өзүнүн абалын айтып даттанды жана кайра-кайра кечирим сурады. Ал буга жооп кылып халифке баш ийүүнү жана хитайлар басып алган мусулман аймактарын кайра алууну буюрду. Ошентип алардын ортосундагы абал бүдөмүк бойдон калды…

[1] Гуридаер-Гийас ад-Дин Мухаммад (599/1203-жылы өлгөн) жана Шихаб ад-Дин Мухаммад – Мухаммад Гури (602/1206-жылы өлгөн). Адегенде Гур аймагына (Герируд жана Гилменд дарыяларынын жогору жагында) ээлик кылган гуридаерге XII кылымдын ортосунан баштап Газна да карап калган.

[2] Бамиан – Гуридаердин жериндеги шаар жана провинция (азыркы Афганистанда).

[3] Текстте:

[4] Мында халиф Насир (575/1180–622/1225) тууралуу сөз болуп жатат.

[5] Салыштырыңыз: тойн; Тойон-ку, Тайанку, Тайангу деген титулдун айтылышы жана мааниси тууралуу караңыз: В.В.Бартольд, Туркестан…, 408-бет жана 3-эскертүү (Таянгу), 415-бет (Таянку-Тараз), 420, 423, 428-беттер; «тойн» деген термин тууралуу да ошол эле эмгектен караңыз: 455-бет, 3-эскертүү, 556-бет, 4-эскертүү).

[6] Текстте ушундай!

[7] Тексте:  караңыз: Якут, IV, 258-бет.

[8] Хусайн ибн Хармил – Таликандын башкаруучусу, Гийас ад-Диндин өлүмүнөн кийин Гератты ээлеп алган (караңыз: Ибн ал-Асир, XI том, 114-бет, XII том, 147–152-беттер).

[9] Текстте ушундай! 88-бетти караңыз, анда бул адамдын ысымы – Мухаммад ибн Жур-бек.

                                         Хорезмшах Бухара шаарын кантип ээлеп алгандыгы жөнүндө баян

Хитай падышасынын элчиси жогоруда сөз болгон кабарды айтып хорезмшахка келгенде, ал мындай деп жооп кайтарды: «Сенин аскериң мага жардамга келбестен Балхты көздөп туруп алды. Мен аларга кошулган жокмун, дарыядан кечип өткүлө деп буйрук да берген жокмун. Сен ушундай кылган соң менден талап кылган акча менде калат. Гурдуктарга алыңар жетпеген үчүн силер мага ушуну айтып, ушул талапты коюп жатасыңар. Мен болсо гурдуктар менен жараштым, эми аларга баш ием, силерге баш ийбейм».

Элчи ушундай жооп менен кайтып келди. Хитай падышасы күчтүү аскер топтоп, Хорезмге аттандырды жана алар келип аны камады. Хорезмшах күн сайын түн ичинде чыгып, аларды кыра берди, ага көп сандаган ыктыярдуулар келип кошулду, ал ушинте берип хитайлардын көпчүлүгүн кырып таштады, калгандары өлкөсүнө кайтып кетишти.

Хорезмшах алардын артынан түшүп, Бухарага келди да, шаарды камады. Бирок шаардын тургундары каршылык көрсөтүп, хитайлар менен бирге согушту. Ал турсун алар кыйраңдаган итти таап туруп, ага калпак кийгизишти да: «Бул хорезмшах» дешип (анткени хорезмшах кыйраңдаган киши болчу) аны дубалды бир айлантып келген соң катапульта менен лагерге ыргытышты да: «Бул силердин султаныңар!» – дешти. А хорезмдиктер болсо аларды тилдеп: «Эй, капырлар! Силер исламдан чыктыңар!» – деп кыйкырышты. // (91-бет). Хорезмшах көп өтпөй шаарды басып алганга чейин алар ушинте беришти. Бирок ал шаардын тургундарын кечирип, аларга жамандык кылган жок, көп каражат бөлүштүрүп берди. Ал мында бир аз туруп, Хорезмге кайтты.

                                                                      XXIII

       // (122-бет) 600(1203-04)-жыл (Хорезмшах менен Гурдук Шихаб ад-Диндин согушу тууралуу аңгемеден үзүндү)

Хорезмшах аскерин бөлдү да, топтолгон жем-чөптүн баарын өрттөп, Хорезмге багыт алды. Шихаб ад-Динден мурун барууга аракеттенип, Хорезмдин алдынан айланып өттү да, анын келе турган жолун кесип, суу каптатып жиберди, ушундан улам Шихаб ад-Дин Хорезмге келе албай 40 күн кармалып турду. Эки жоо Сукара[1] – «Кара суу» деген жерде беттешти. Чоң согуш болду. Эки тараптан тең көп киши өлдү. Гурдуктардан ал-Хусайн ал-Маргани[2] жана башкалар өлдү, хорезмдиктердин бир тобу колго түштү, Шихаб ад-Дин аларды өлтүрүүгө буйрук берди, алар өлтүрүлдү.

Хорезмшах түрк-хитайларга киши жиберип, алардан жардам сурады, бул учурда алар Мавераннахрды сурап турган эле; алар камынышты да гурдуктардын өлкөсүнө аттанышты. Бул кабарды уккан Шихаб ад-Дин Хорезмден кайтты да, алардын алдыңкы тобун 601-жылдын сафар айынын (1204-жыл, сентябрь айынын аягы – октябрдын башы) башында Андхой чөлүнөн[3] кезиктирип, алардын көбүн өлтүрүп, калгандарын туткунга алды. Бирок экинчи күнү хитайлар аны селдей каптагандыктан, мусулмандар качууга аргасыз болушту. Шихаб ад-Дин аз гана жоокери менен калып, пилдеринин төртөөнү өз колу менен өлтүрдү, анткени эми алардын пайдасы жок болчу, а эки пилди болсо капырлар колго түшүрүп алышты.

Шихаб ад-Дин өз (кишилери) менен Андхойго кирди. Капырлар аны камоого алышты, бирок акыркы пилди берсең, тынчтык болот деген талап коюшту. Ал пилди берди да бошонуп чыкты. Анын өлкөсүндө ал өлгөн имиш деген сөз тарап кетти жана ушундан улам ар кандай ушак-айыңдар көбөйүп кетти. Анан ал жети кишиси менен Таликанга келди, анын аскеринин көбү талкаланып, казынасы тонолуп, андан эч нерсе калган эмес эле. Ал-Хусайн ибн Хармил, Таликандын акими, чатыр жана керектүү нерселердин баарын берди. Ал Газнага бет алды жана Хусайн ибн Хармилди өзү менен кошо алып алды, анткени ага ал (Хусайн ибн Хармил) катуу коркуп калды: «Султан Газнага кетери менен хорезмшахка качып кетем» – деп айтты деген сөздү айтышкан эле. Бирок (Шихаб ад-Дин) аны өзүнө эмир-хажиб кылып алды.

// (123-бет) Шихаб ад-Диндин жеңилишинин себебин мындай деп айтышат: Хорезмден кайтып келатып бир чөлгө келгенде ал суунун жетишсиздигинен аскерин бөлүп жиберет. Хитайлар болсо ошол чөлдүн аяк ченине жайгашып алып, чөлдөн чыккан топторду кырып, туткунга ала беришет. Аман калгандар өлкөнүн булуң-бурчтарына качып кетип, ага (Шихаб ад-Динге) кайрылып келген эмес жана анын бул иштен кабары болгон эмес. Шихаб ад-Дин 20 миң аскер менен артта келаткан эле. Алар чөлдөн чарчап чыкканда эс алып, камынып турган хитайлар кол салышты.

Хитайлар аларга караганда эки эсе көп эле. Ал алар менен күнү бою согушуп коргонуп турду. Аны Андхойго камап алышты, бир нече күндүн ичинде 14 кагылышуу болуп өттү, алардын ичинен бирөө кечинде башталып таң атканга чейин созулду. Анан ал аскеринин бир бөлүгүнө түн ичинде жашыруун түрдө шаардан чыгып кетип, эртең менен жардамга келген колдой болуп кайра шаарга кирүүнү буюрду. Муну көргөн хитайлар чочулап калышты, ал эми Самарканддын акими (ал хитайлардын кол алдындагы мусулман болгондуктан, мусулмандарга жан тартып, Шихаб ад-Дин жеңилип калса, исламдын тагдыры эмне болот деп санааркап турган эле) аларга мындай деп айтты: «Бул киши эми баягы чөлдөн чыккандагыдай болуп эч качан алсыз болбойт. Ал чарчап-чаалыгып, аскери аз болуп турганда да биз аны жеңе албайбыз. Ага жардам келди, эгер алар бардык тараптан келе бере турган болсо, биз камоодо[4] калабыз. Ошондо кутулуштун жолун издесек да таппай калабыз. Биз аны менен жарашуута тийишпиз». Алар буга макул болуп, жарашууну сунуш кылып киши жиберишти. Самарканддын акими ага жашыруун түрдө кишисин жиберип, жагдайды түшүндүрүп, // (124-бет) адегенде жарашуудан баш тартууну, бирок аягында макул болууну буюрду. Элчилер келгенде ал келе турган кошумча күчтөрүн айтып жарашуудан баш тартты. Сүйлөшүүлөр созулуп кетти, акырында дарыядан бири-биринин жерине кечип өтмөй жок деген шарт менен келишим түзүштү. Хитайлар кайра кетишти, ал болсо бошонуп, өлкөсүнө кайтты.

[1] Текстте күтүлгөн Карасу деген ушундай деп жазылган: .

[2] Ал-Хусайн ал-Маргани–Гурдук Гийас ад-Диндин эмирлеринин бири, Гераттын аскер башысынын бир тууганы (караңыз: Ибн ал-Асир, XII том, 115–116-беттер).

[3] Андхой же Андхуз – Тохаристандагы шаар жана рустак, азыркы Андхойго жакын жерде болгон.

[4] Сөзмө-сөз: «Силер анын камоосундасыңар».

                                                                  XXIV

                                                   // (135-бет) 601 (1204–05)-жыл

Ушул жылы, зу-л-кад айында (1205-жылдын июньиюль айларында) гурдук эмир Имад ад-Дин Омар ибн ал-Хусайн, Балхтын башкаруучусу, түрк-хитайларга караган Термез шаарына келип, аны басып алды. Ал улуу баласына шаардын бийлигин берди. Мындагы хитайлардын бардыгы өлтүрүлдү. Алиддерди ал жерден Балхка көчүрдү, ошентип Термез мусулман аймагы жана душман кире алгыс күчтүү чептердин бири болуп калды.

                                                                XXV

                              // (152-бет) 602(1205–06)-жыл Хорезмшахтын

                                Термезди алып, хитайларга бериши тууралуу баян

Хорезмшах Балх шаарын алган соң Балхтын акими Имад ад-Диндин уулу бийлеп турган Термез шаарына багыт алды. Ал ага Мухаммад ибн Али ибн Баширди жиберип, андан мындай деп айттырды: «Сенин атаң азыр менин эң жакын адамдарымдын жана улуу эмирлеримдин бири болуп калды жана ал Балхты мага берди. Бирок мен андан мага жакпаган бир нерсени байкап калып, аны сый менен Хорезмге жөнөттүм. Сага келе турган болсок, сен менин бир тууганымсың». Ал ага көп жерлерди[1] бе рүүгө убада кылды. Мухаммад ибн Али аны алдады. Термездин акими хорезмшах бир жагынан, хитайлар бир жагынан камап турганын, жакын адамдарын болсо Илдуз[2] Газнада туткунга түшүрүп алганын көрдү. Анын ындыны өчүп, өз өкүлдөрүн хорезмшахтан ант алып келүү үчүн жиберди. Ал ага ант берип, андан Термезди өткөрүп алды да, хитайларга берди. Ушунусу менен хорезмшах // (153-бет) ошол учурда элге абдан шерменде болду. Бирок кийинчерээк Термезди хитайларга Хорасанды алуу үчүн гана бергени, анан Термезди жана жерлерди ала турганы белгилүү болду. Анткени ал Хорасанды алган соң хитайлардын өлкөсүнө кол салып, аларды талкалады, ошентип анын Термезди (хитайларга) куулук кылып гана бергени ачыкка чыкты, аны Алла Таалам өзү кечирсин!

[1] Текстте: икта.

[2] Илдуз – эркиндик алган кул – Шихаб ад-Диндин мамлүгү, Газна менен Лахордун ортосундагы аймактын акими, Шихаб ад-Дин өлгөн соң бир аз мезгил Газнаны бийлеп турган, кийинчерээк Индияда өлтүрүлгөн (караңыз: Ибн ал-Асир, XII том, 122, 140–146, 203 жана башка беттер).

                                                                          XXVI

                  // (171-бет) 604(1207–08)-жыл Хорезмшахтын Мавераннахрды каратып алышы тууралуу баян

Ушул жылы Ала ад-Дин Мухаммад, хорезмшахтын уулу, хитайлар менен согушуу үчүн Жейхундан өттү. Мунун себеби хитайлар Түркстан менен Мавераннахрда көптөн бери жашап, алардын элин эзип келаткан. Алардын ар бир шаарда койгон кишиси[1] болуп, ал акча жыйнап берип турган, өзүлөрү болсо кадимки салты боюнча алачыктарда жашаган. Алар Узгендде, Баласагунда, Кашгарда жана алардын айланасында турушкан.

Самарканд менен Бухаранын султаны // (172-бет) (хан ханан, б.а., «султандардын султаны» деп аталган, өзүнүн санжырасы мусулман падышаларынын тукумдары менен чиеленишкен хандын урпагы болгон) капырлардын мусулмандарды бийлеп турганына кыжыры келди. Ал хорезмшахка киши жиберип, андан мындай деп айттырды: «Кудурети күчтүү Алла Таала кеңири падышалык жана көп аскер берүү менен сени мусулмандарды жана алардын өлкөсүн капырлардан, алардын эзүүсүнөн куткарууга милдеттендирет. Биз сени менен чогуу хитайлар менен согушууга даярбыз, аларга бергенди сага беребиз, сенин атыңды хутбада эскерип, тыйынга да чегебиз». Хорезмшах буга макул болуп, бирок: «Мени сатып кетесиңер го деп корком»,– деп жооп берди. Ошондо Самарканддын акими Бухара менен Самарканддын атактуу кишилерине ант берип, аларды жоопкерчиликти алуу менен хорезмшахка барымта берип келүү үчүн жиберди.

(Хорезмшах) Хорасандын ишин бүтүрүүгө жана өз милдетин аткарууга киришти… Ал Хорезмге кирип ал жерден камынды да, Жейхундан өтүп, Самарканддын султанына кошулду. Хитайлар да муну угуп тез камынышты да аларга каршы аттанышты. Алардын ортосунда көптөгөн согуштар менен кагылышуулар болду, жеңиш бирде хорезмшах тарапка, бирде душман тарапка ооп турду.

[1] Текстте: фи кулли мадинатин наиб.

                                                                  XXVII

   // (176-бет) Ошол эле жыл. Хорезмшахтын хитайларга жасаган жаңы жортуулу жөнүндө баян

Хорасан иши хорезмшах Мухаммаддын пайдасына чечилген соң ал Жейхундан өттү. Хитайлар ага каршы көп сандаган кол жыйнашты жана анын башында алардын мамлекетинде падышаны алмаштыра турган // (177-бет) Тайанкух[1] деген титул менен белгилүү болгон аксакалы турду. Анын жашы жүздөн өтүп, көп согушту көргөн эле … хорезмшах менен Самарканддын султаны бирикти. Алар хитайлар менен 106 (1209–10)-жылы беттешти. Мурун болуп көрбөгөндөй катуу согуш болуп, хитайлар оор жеңилүүгө учурады. Алардан эсепсиз адам өлдү, а туткунга түшкөндөрдүн ичинде алардын кол башчысы Тайанкух да бар эле. Аны хорезмшахка алып келишти, ал аны сыйлап, өз тагына отургузуп[2], Хорезмге жөнөттү. Анан хорезмшах Мавераннахр өлкөсүнө бет алып, Узгендге чейинки бардык шаарлар менен жерлерди каратып алып, ал жерлерге өз кишилерин койду. Ал Хорезмге Самарканддын султаны (ал абдан келишимдүү кишилердин бири эле) менен бирге кайтты. Хорезмдиктер султанды көрүү үчүн көчөгө чыгышты. Хорезмшах аны кызына үйлөндүр үп, Самаркандга аттандырды жана ал жерде тартип хитайлар орноткондой болушуна көз салуу үчүн өз кишисин[3] кошуп берди.

[1] Ушул басылмадан эскертүүнү караңыз.

[2] Текстте: ва-ажласаху ала саририхи; «так», «ложа», «замбил» деген маанилерди билдирген сарир деген сөздөгү ат атоочтук суффикс «өз ордуна», «өз тагына» деп которууга да мүмкүнчүлүк берет. Сыягы, бул фразанын мааниси Тайанкухтун жашы менен байланыштуу болсо керек.

[3] Текстте: шихну.

                                 // (178-бет) Ошол жыл. Хитайларды жок кылган согуш тууралуу баян

Жогоруда сөз болгондой, хитайлар хорезмшахтан жеңилген соң аман калгандары өз падышасына барып чогулушту. Татар деген чоң уруу[1] илгери Синдин чек арасындагы өз өлкөсүнөн чыгып, Түркстандын аркасына келип жашап калган эле. Алар хитайлар менен касташып, согушуп турчу. Алар хитайлардын хорезмшахтан жеңилгенин уккан соң өздөрүнүн падышасы Кушлу хан менен барып, хитайларга кол салышты. Хитай падышасы хорезмшахка киши жиберип, андан мындай деп айттырды: «Биздин өлкөнү басып алып, адамдарды жапырганыңа келе турган болсок, ага кечирим. Бирок азыр биз каршы тура албай турган душман келди. Эгер алар бизди жеңип ала турган болсо, сени алардан эч ким сактап кала албайт. Эгер сен аскериң менен келип, бизге жардам бере турган болсоң, жакшы болор эле. Аларды жеңгенден кийин сен басып алгандарды кайра албайбыз, колубуздагыга ыраазы болобуз деп сага ант беребиз». Татарлардын падышасы Кушлу хан да ага киши жиберип, мындай деп айттырды: «Хитайлар сенин душманың, сенин аталарыңдын душманы, биздин да душман. Бизге жардам бер, аларды жеңген соң // (179-бет) сенин өлкөңө жакындабайбыз, алар турган жерге ыраазы болобуз деп сага ант беребиз».

Ал алардын экөөнө тең: «Мен сени мененмин, сага жардам берем»,– деп убада берди да, аскери менен алар беттеше турган жерге келип, обочороок жайгашты. Эки тарап[2] тең аны биз менен деп ойлоду. Хитайлар менен татарлар согушуп, хитайлар оор жеңилүүгө дуушар болушту. Ошол учурда хорезмшах аларга кол салып, өлтүрг өнүн өлтүрүп, калгандарын туткун кылып, эч кимисин куткарган жок. Түрк аймактарынын биринде[3], туш-тарабын тоолор курчап, бир жагынан гана жол бар жерде турган алардын падышасы гана бир аз аскери менен аман калып, ошол жерге бекинип калды. Анын аскерлеринин бир тобу хорезмшахка кошулуп, аскери менен кетти.

Хорезмшах татарлардын падышасы Кушлу ханга киши жи берип, өзүнүн жардамга келгенин, келбегенде ал хитайларды жеңе алмак эмес экенин айттырды. Кушлу хан адегенде муну мойнуна алып турду. Кийин ал хорезмшахка киши жиберип, хитайлардын өлкөсүн бөлүүнү талап кылды жана: «Биз аларды жок кылуу үчүн бириккен элек, эми биз алардын өлкөсүн бөлүп алышыбыз керек». Ал айтты: «Менин сен үчүн кылычтан башка эч нерсем жок, баатырдык жагынан хитайлардан ашып кетпейсиңер, падышалыгыңар да андан ашык эмес, колуңдагыга ыраазы болуп оозуңду жап, болбосо мен силерди хитайлардан да жаман кылам». Ал (Кушлу хан) камынып, аттанып чыккан соң хорезмшах ага тең келе албасын билди да, тайсалдап андан кача баштады.

Бирок ал кетип баратканда хорезмшах анын элине кол салып, карактай баштады. Кайсы бир уруу көчкөнүн укса, аларга барып кол сала турган болду. Кушлу хан ага киши жиберип айттырды: «Падышалар мындай кылбайт, муну каракчылар кылат. Эгер сен өзүң айткандай султан болсоң, анда беттешели: же сен жеңип менин өлкөмдү аласың, же мен жеңип сенин өлкөңдү алам». Бирок хорезшах оройлонуп ага жооп берген жок, бирок Шаштын, Фергананын, Исфиджабдын, Касандын жана алардын айланасындагы шаарлардын (дүйнөдө булардай гүлдөп өскөн шаарлар болгон эмес) тургундарына ал жерлерден көчүп, мусулман аймактарына кошулгула деп буйрук берди; анан ал татарларга өтүп кетет деп алардын (шаарларын) талкалады…

Кийин Кушлу ханды, биринчи татарлардын (падышасын), Чыңгыз хан Темучин1 деген падышасы бар дүйнөнү таш-талкан кылган башка татарлар каптап кетти. Алар Кушлу ханды хорезмшахтан алаксытып кетишти, ал болсо тыным алып2 дарыядан өтүп, Хорасанга келди.

[1] Текстте: таифа.

[2] Текстте: таифа.

[3] Текстте: навахи.

                                                                       XXVIII

                                                             // (199-бет) 611/1214–15-жыл

Хорезмшах Кушлу хан кол салбасын деп чочулап, жай ды Самарканддын сыртында өткөрдү: ал тез жүргөн киши болгон, бир жакка жөнөгөндө, кабарынан мурун өзү жетчү.

XVI–XIX кк. Фергана жана Кашгар булактарынан үзүндүлөр

                                              ЗИЙА АЛ-КУЛУБ

Н. Д. Михлухо-Маклай бизге көрсөткөн А 1615 шифр менен ЛО ИВАНда сакталып турган кол жазма Зийа алкулуб («Жүрөктөрдүн нурланышы») деп аталат. Ал XVI к. белгилүү орто азиялык суфий шейхтердин орден башчысы Накшбанди Хожа Исхактын тазкирелерин («ишмердик жылнаамасы», «өмүр баяны») чагылдырат.

Хожа Исхак, Махдум-и А*зам (1542-ж. өлгөн) деген титул менен белгилүү шейх Сейид Ахмад Касанинин уулу болгон[1] жана ал Чыгыш түркстандык кайырдиндерди[2] ис ламга киргизген имиш. Хожа Исхак бала чагынан эле өз атасынын мураскору болуп, уламыштарда Орто Азиядагы көчмөндөр арасында исламды таратууга аракет кылып, чыйыр салган жана «сыйкырчы» деген эл эсинде элес калтырган орто азиялык шейх Лутфаллах Чистиден (1571–72-ж.ж. өлгөн) тарбия алган.

Хожа Исхактын өмүр баянын жазгандар дагы шейхти кереметтүү нерселерди жасагандыгынан кабар беришет. Хожа Исхак узак жылдар ыйык насаатчы катары көпкө жашады. Анын аброю тууралуу Кашгардын жана анын айланасындагы элдер арасында бул тургундар укумдантукумга «кулактарында шейх Хожа Исхакка моюн сунган мюриддик сыргасы бар жана анын урпактары үчүн өздөрүн курмандыкка чалышат»[3] – деп айтылат.

Шейх Хожа Исхактын өмүр жолу Зийа ал-кулубдан тышкары 1901-ж. К. Г. Залеман эскерген Жалис-и муштакин (ЛО ИВАН, А 232 кол жазмасы) чыгармасында айтылат. Бул кол жазмадан үзүндү төмөндө берилди. Шейх Хожа Исхактын өмүр жолуна арналган Манакиб-и Хожа Исхак кол жазмасын А.З. Валидов 1916-ж. намангандык Йусуф Хожанын жеке жыйнагынан көргөн. Бул кол жазманын азыр кайда экендиги белгисиз.

ЛО ИВАНда А 1615 шифр менен сакталып турган Зийа ал-кулуб өтө сейрек учуроочу эмгек. Союзда бүгүнкү күндө анын бир гана нускасы белгилүү. Чет элдик басма каталогдорунда Зийа ал-кулубдун бөлөк нускалары чыга элек. Зийа ал-кулубдун аталышы Хажи Халиф анын библиографиялык чыгармасында гана эч бир түшүндүрмөсү жок эскерилет. Ошондуктан Хажи Халифа башка, бирдей аталыштагы чыгарманы көрсөтүшү мүмкүн[4].

ЛО ИВАНдагы А 1615 кол жазмасы 1944-ж. чейин Юнусовдун (Йунус Жан Хожа) менчик жыйнагында турган. Бул менчик чыгарма менен Кокондо танышкан А.З.Валидов, Зийа ал-кулубду 1913-ж Фергана өрөөнүндө жолуктурган эң кызыктуу кол жазмалардын бири деп эскерген[5].

А.А. Семенов, А.З. Валидовдун Зийа ал-кулуб жөнүндөгү айтканына таянып аны «Указатель персидской литературы по истории узбеков в Средней Азии»[6] эмгегине киргизген.

Автордун айтымында (3б-б) Зийа ал-кулуб болжол менен 1012/1603-ж. тиешелүү. Автордун ысмы беймаалым. Кириш сөздө автор өзүн атабастан чыгарманын жазылыш таржымалын кенен баяндаган: ал Лутфаллах Чистинин өмүр баянынын үлгүсүндө жазылган. Шейхтин окуучулары жана жолун уланткандар автордун оюна кызуу катышкан. Тазкире материалы болуп автордун жеке эскерүүлөрү жана көбүнесе, Шейх Хожа Исхактын жакын достору менен замандаштарынын эскерүүлөрү колдонулган. Бул оозеки баяндарды автор узак жылдар бою жыйнаган (3а4а-бб.).

Кириш сөздө көрсөтүлгөндөй, автор материалды алты бапка бөлүп, кенен чыгарма жаратмак болгон: 1-бап, Хожа Исхактын асыл сапаттары; 2-бап, Хожа Исхакка моюн сунуп кызмат кылуу антын берген султандар тууралуу, ж.б. жөнүндө баян. Бирок биздин колдогу текстке караганда автордун бул ою ишке ашкан эмес.

Чыгарма баптарга бөлүнбөй калган. Кириш сөздөн кийин бири-биринен «накл аст» деген темаларга бөлүнгөн аңгемелер менен уланат. Ар бир баян башында аңгемени жаздырган адам жөнүндө кенен түшүндүрмө берилет. Ангеме адатта кыска жана оозеки баяндама мүнөздө жазылган. Алардын мазмуну жалпы жонунан, Хожа Исхактын «ыйык» шейх жана керемет сыйкырчылыктары, негизинен, орто азиялык кайырдинчилерди исламга тарткан кылдат миссионер катары көрсөтүү.

Шейхтин өмүрүндөгү миссионердик ишинин баянынын баары эле чындыкка окшой бербейт. Хожа Исхактын негизги сиңирген эмгеги деп автор, шейхтин кыргыз жана казактардын 18 бутканасын талкалап, 180 миң кайырдинчилерди исламга киргизгендигин эсептейт. Анткени менен шейх Хожа Исхактын кыргыздар, казактар, калмактар жана башка уруулар арасындагы апыртылган миссионердик ишинен башка көңүлгө арзырлык маалыматтар да кездешет. Мисалы, исламга чейинки кыргыздардын диний ишеними. Анын ишмердигине арналган аңгемелерде ХVI к. Орто Азиядагы элдер жана уруулар боюнча тарыхый маалыматтар, тактап айтканда, алардын жердеген жери, өз ара мамилелери, жашоо турмуш өзгөчө лүгү туурасында көңүлгө арзырлык маалыматтар жана айрым тарыхый даталар кездешет.

Буга чейин илимпоздор агиографиялык адабияттардын мүнөзү бейрасмий болгондуктан тарыхый булактарды толуктоодо баалуу кызмат өтөйт (бирок бул адабияттын мазмуну айрыкча сын мамилени талап кылат) деп белгилешкен. А.А. Ромаскевич, мисалы, түркмөндөрдүн тарыхына арналган перс булактарын мүнөздөп, мындай деген: «Буга (баяндама адабиятка) суфийлик карылардын «өмүр баяны» кирет, бул булактарда Ирандын жана Орто Азия калкынын төмөнкү катмарынын күндөлүк турмуш-тиричилиги кеңири чагылдырылган. Муну биз феодалдык аристократиянын адабий табитин канааттандырууга багытталган жылнаама жыйнактарынан жолуктура албайбыз»[7].

В. В. Бартольд мындай мазмундагы булактардын баалуулугун белгилеген, бирок эч качан «мындай мусулмандык адабият менен»[8] атайын иштебегендигин моюнга алган. Суфийлик адабиятты Орто Азиянын жана аны менен коңшулаш Чыгыш өлкөлөрүнүн башка изилдөөчүлөрү дагы аз колдонушкан. Мындай жагдай, Орто Азия элдеринин тарыхын изилдөөдө суфийлик адабиятты пайдалануу кыргыздардын тарыхы боюнча жаңы материалдарды бериши мүмкүн деген ойду айтууга негиз берет.

Зийа ал-кулубдун мазмуну боюнча жогорудагы кыскача маалымат чыгарманы Орто Азиянын тарыхы жана этнографиясы боюнча кызыктуу булак деп бүтүм жасоого жол берет.

Төмөндө Зийа ал-кулубдан кыргыздар туурасында эскерилген аңгемелер келтирилди.

[1] Ал тууралуу караңыз: Веселовский. И. Дагбид.– Б. 85.

[2] Караңыз: Бартольд В. В. Киргизы.– Б. 517.

[3] Абу Тахир Хожа. «Самария», Описание древностей и мусульманских святынь Самарканда.– Б. 197.

[4] Хаджи Халифа, VII. – Б. 17–760.

[5] Кар: Валидов А.З. Восточные рукописи в Ферганской области.–Б. 304.– Кар.: ошол эле автордун: Некоторые данные по истории Ферганы ХVIII в. – Б. 68.

[6] Семенов А.А. Указатель Персидской литературы. – Б., 20.

[7] МИТТ,– Т. 1. – Б. 41.

[8] Бартольд. В. В. Отчет о командировке в Туркестан.– Б., 212.

  ЗИЙА АЛ-КУЛУБДАН ҮЗҮНДҮЛӨРДҮН КОТОРМОСУ

                                                                                                                     I

// (5а-б) Хазрат-и Ишандын[1] рухунун улуулугунун жана телегейинин тегиздигинин ачык белгиси ушу, (ал) кыргыздардын жана калмактардын аймагына барып, 18 буткананы талкалап, 180 миң капыр менен кайырдинди мусулман кылды.

[1] Хазрат-и Ишан текстте Хожа Исхактын ысымынын ордуна колдонулуп, бу анын бийик абалы, ыйыктыгы жана ардактуулугун сыйлоонун айрыкча бир формуласы. Айрым бир окуяларды которууда бул формула «Хожа Исхак» менен алмашылып, бирок мындай алмашуу дайыма эле туура болбойт, анткени стилдик түзүлүштү эле бузбастан, сөздүн маанисин да өзгөртүшү мүмкүн. Ошондуктан орус тилинде эквиваленти жок Хазрат-и Ишан маанисин бериш үчүн ага салыштырмалуу туура келчү «анын улуу даражалуулугу» (кайрылууда – «сиздин улуу даражалуулугуңуз») сөзү колдонулду. Биз орус терминологиясынын тарыхын эске алдык: мурда Сибирь, Оренбург жана Кавказдагы жогорку кызматтагы мусулмандарды орустар даражалуу, ал эми кыргыздардын (казактардын) хандарын «улуу даражалуу» деп аташкан ( Кар: В. Даль В. Толковый словарь живого великорусского языка.–М., 1956.–Т. IV.–Б. 322.).

                                                                                                II

// (24а-б) Хожа Исхак Самарканд аймагына келгенден кийин ар кайсыл жактын падышалары[1] ага кат жазышып, анда болсо өздөрүнүн ызаатын жана (аны) көрүүнү самагандарын билдирип: «Өзүңүздүн таманыңыздын чаңы менен бактылуу кылып, биздин көзүбүздү ач» – деп, Ташкенттен Дарвишхан, Түркстан аймагынан Баба хан, Анжиян аймагынан Харам-шах Султан, Кашгар аймагынан Абд ал-Карим хандар суранган.

Андан соң Хожа Исхак өзүнүн шакирттери[2] менен кеңешип, Кашгарга бет алды. Жолдо ал эскерилген падишахтар3 менен кезигип, (бирок) жагдай сала кетти. Падишахтар // (24б-б) Хожа Исхактан: «Улуу даражалуум, биздин аймакта калыңыз!» – деп суранышты.

Улуу даражалуу алардын бирине дагы макулдугун бербей, (андан ары) Кашгарга кетти.

Абд ал-Карим хан муну угуп, Хожа Исхакты урмат менен тосуп алыш үчүн улуу даражалууга зор сый көрсөтүп, кызмат антын[3] жасады. Бирок (Хожа Исхактын) көңүлү жоктугуна байланыштуу ага татыктуу кубаттоо көрсөтүлгөн жок[4]. Мындан кийин (Абд ал-Карим хан) анын чөйрөсүнөн чыгып, ага урмат көрсөтпөй калды.

Кырк күн өткөндөн кийин (ал) эски ээр жана тытылган ат жабдык менен унаа ат[5] жиберди. Улуу даражалуу аябай ачууланып мындай деди: «Биз ага убада бергендиктен келдик, ал болсо бизге ушундай мамиле жасады!» Мындан соң (ал) жарандарга[6] кайрылып, муну айтты: «Албетте, ал бизди өз аймагынан кууп чыгат. Бул эсиңерде болсун!» Мындан эки-үч күн өткөндөн кийин бирөө Абд алКарим хандан мындай // (25а-б) мазмундагы кат алып келди: «Хожа Исхак менин аймагыман кетип, башка жакка барсын».

Анын улуу даражалуулугу бардык шакирттери жана үй-бүлөсү менен кыргыздардын аймагына кетип, мында келип чатырын тигип, ушул жерде жашап калды.

[1] Текстте: падишахан.

[2] «Йаран сөзү («достор», «жардамчылар») текстте, кыязы, суфий термини катары колдонулган. 3 Текстте: султанан.

[3] Текстте: Хожа Исхакка карата мулазамат термини колдонулуп, балким, ал дагы «дайыма кызмат кылып, чөйрөдө болуп рухий насаатчыга баш ийүү антын берүү» деген суфий термини болсо крек. Мындан тышкары шейхке учурашуу каадасы болсо керек.

[4] Текстте:  сөздүн мааниси такыр түшүнүксүз.

[5] Текстте: кату.

[6] Текстте: Йаран.

                                                                                    III

Хафиз Калам жана Хафиз Арабдын, б.а., кулдардын башчысынын айтымына караганда, алар анын улуу даражалуулугунун шакирттери болушкан: «Бир күнү биз улуу даражалуунун чөйрөсүндө жүргөн кезибизде, ошол эле тоонун[1] этегинен өтө алдастаган бир атчан көрүндү. Ал атынан ыргып түшүп, улуу даражалуута ызаат менен учурашып[2], мындай деди: «О менин олуям! Биздин падышахыбыз Лулум кыргыз сиздин улуу даражалуулугуңузду өлтүрмөк үчүн келатат, бирок мен сизге кабар бергенге үлгүрдүм.

Хожа Исхак мындай деди: «Жараткан кандай кааласа, баары ошондой болсун!» Ошентип касиеттүү жүзүн кыбылага буруп //(25б-б) отурду.

Мына кайырдин жоокерлер да келип, кылычтарын кындарынан сууруп, Хожа Исхакты карай жөнөштү. Улуу даражалууда эч бир өзгөрүү болгон жок, тек гана анын окуучуларынын кыйкырык, онтоолору чыкты.

Хожа Исхак касиеттүү башын ийип, өзүн кудайга табыштады. Капыстан эле Лулум кыргыздын атынын алдыңкы эки буту сынып, Лулум кыргыз аттан кулап өлдү. Аны менен келген төрт жүз адам муну көрүп, аттарынан ыргып түшүп, өздөрүнүн сыйынган моло таштарын ыргытышып, улуу даражалууга кызмат кылуу убадасын берип[3] жараткан Алланын динин кабыл алышып, Хожа Исхак алдында тобо кылышты».

[1] Текстте: Дамана-йи Кух. Мурдагы аңгемелерде тоо эскерилбейт. Төмөндө Дамана-йи Кух айкалышы бир эле жолу кандайдыр бир толуктоосу жок эскерилет. Анын географиялык ысым болушу толук ыктымал.

[2] Текстте: мулазамат кард.

[3] Текстте: Дар мулазамат амаданд.

                                                                                IV

Аты аталган Хафиз Арабдын аңгемеси: «Бир убакта мен Хожа Исхактын жанында жүргөндө[1] улуу даражалууга таазим этүүгө // (26а-б) кыргыз падышахтарынын бири келди. Ал көптөгөн белек алып келип, муну айтты: «О, олуям! Сиз бизге (окшогон) тагдыры тайкыларды колдоп, дубаңызды жараткан кудайдын турагына арнадыңыз. Эгер улуу жараткан кудайдын ырайымы менен бир булак пайда болсо, кандай жакшы болмок. Анткени суусу жок биздей байкуштардын иши бүтүп калды. Биздин аталарыбыздын мезгилинде бул жерде бир жолу суу пайда болуп, бирок кийин башка жакка ооп кетип, канчалык аракет кылган менен суу табылган жок».

Анын улуу даражалууга баш кийимин алып, ак муруту жана сакалын тутамдап туруп, пайгамбарлардын нур төккөн рухуна кайрылып: – Оо, Алла ага батасын берип, кубаттасын! – деп өзүнүн ата-бабасынын арбагынан жардам сурады. Бүткүл шакирттери баш кийимин алышып, жараткан кудайдын тагына ыйын жеткиришти… Аңгыча болбой улуу жараткан кудайдын ырайымы менен тоо этегинен суу агып чыкты.

Ошол замат падишах // (26б-б) жана анын нөкөрлөрү Хазрат-и Ишанга тобо кылышып, эми бул жер Назаргах-и Хазрат-и Ишан аталып, мында имараттар курулуп, элдер көптөгөн турак жай салышты».

[1] Текстте: Дар хамин дамана.

                                                                                      V

Аты аталган Хафиз Араб мырзанын аңгемеси: «Бир канча күн өткөндөн кийин ошол эле кыргыз падишахы (кайрадан) улуу даражалууга таазим этип, өзү менен кошо көп адамдарды алып келди. Бардыгы тең Хожа Исхакка урмат көрсөтүшүп, аттарынан жана төөлөрүнөн баалуу белектерди түшүрүшүп, аларды анын улуу даражалуулугунун алдына коюшту. Андан кийин ошол падишах анын улуу даражалуулугуна мындай өтүнүч менен кайрылды: «О, олуям! Биздин аймакта туз жок. Эгер сиздин улуу даражалуулугуңуз дуба кылса, балким, бул жерлерден туз чыгат».     Мындан соң Хожа Исхак колун жайып, дуба окуду.

Дуба маалында капыстан алыстан кандайдыр бир төөгө жүк жүктөгөн адам көрүнүп жакындады. Ал келип, төөсүн чөктүрүп, //(27а–б) капты ачканда, каптардын ичи туз болуп чыкты!

Адамдар таң калышып, мындай дешти: «Биздин аймакта туз жок эле, сен бул тузду кайдан алып келдиң?» Ал адам муну айтты: «Мен жолдо келатып бул төөнүн тоо этегинде айланып турганын көрдүм. Жакын келип карасам, ал тоонун баары туз экен».

Мындай (окуядан) кийин Абд ал-Карим хан кайрадан улуу даражалууга киши жиберип, көптөн-көп кечирим сурап, Хожа Исхакты чакырды.

     VI

// (82а–б) Молдо Хикмат бейдин аңгемеси, ал муну айтты: «Бир күнү мен шейхтин бир канча шакирти менен кыргыз аймагына бет алдым. Капыстан // (82б–б) талоончулук жолуна түшкөн кыргыздардын тобу жалаңдаган кылычтарын сууруп, жолду тосуп, бизди өлтүрмөккө кармап алышты.

Биз улуу жараткан кудайга жалынып ыйлап, Хожа Исхактан дагы жардам сурадык… Капыстан эле бул шумпайлар аттарынан түшүп, жүзү менен биздин буттарыбызды сүрө башташты. Биз таң калып муну сурадык: «Силер бизден кечирим сурап, мээримиңерди төккүдөй силерге эмне болду?» Кыргыздар минтип жооп беришти: «Силер Хожа Исхактын атын атаар замат, капыстан улуу даражалуу ак боз ат үстүндө, ак кийимчен найзасын булгап бизди өлүм менен коркуткандыгы көрүндү. Улуу даражалуудан коркконубуздан биз аттан түшүп, моюн сундук».

Андан соң биз Хожа Исхакка келгенибизде, анын улуу даражалуулугу муну айтты: «Силерге каракчылар тийбесин деп //(83а–б) жараткан кудай силерге ушундай ырайым жасады». Биз (кудай алдында) өзүбүздүн чабалдыгыбызды билдик».

                                                                     VII

// (86б–б) Хожа Хашим ибн Хожа Хусайн мырзанын аңгемеси. Ал муну айтты: «Улуу даражалуу кыргыздар арасында жүргөн кезинде, бир күнү ал мага минтип буюрду: «Серйук кыргызга барып, менден салам айтып, мындай де: Сени оору басты, Хожа Исхак сенин дармансыздыгыңды угуп чакырып, салам дуба айтты: – Келгин мында (менин) шакирттерим, биз баарыбыз чогуу сыйыналы, Кудай буюрса, сага кубатың кайрылат». Мында улуу даражалуунун жашыруун сыры бар экендигин мен (адегенде) аңдаган жокмун.

Ошентип шейхтин шакирттери болуп, улуу даражалуунун буйругу менен Серйукка жөнөдүк. Мен барганда, анын айланасында жакындарынан[1] төрт үй-бүлө жайгашышып, Серйуктун алды жагында тамак үчүн чогулган көп эл отуруптур.

Биз ага улуу даражалуунун атынан салам айтып, // (87а–б) анын (Серйуктун) оорусу катуу экендигин байкадык.

Алар тамак алып келишти жана өзүнчө дагы бир идишти[2] алып келип, ортого коюшту. Ар бир жиликтен тилимдеп кесип, ошол идишке салып атышты. Андан соң бардык эркектер менен аялдар орундарынан турушуп, кайсыдыр бир жыгачка барышты. Мен алардын кайда барып, эмне жасагандыгын көрүш үчүн аркаларынан жөнөдүм.

(Алар) жыгачка келишип, ошол тарапка жүгүнүштү[3]; идишти коюшуп (бардыгы) даракка ийилишти. Мен аны карасам күмүштөн кандайдыр бир моло таш (бут) жасалып ал даракка илинип, анын айланасында эки миңдей жыгачтан, таштан жасалган моло таштар (буттар) жайгашыптыр. Бул кыргыздардын бутканасы экен[4]. Күмүштөн жасалган жанагы буттун аталышы – талбийа-и жакар[5].

Эт салынган идишти чоң моло таштын алдына коюп, ага //(87б–б) тамактан же дегендей ишаарат кылышты. Андан кийин бул идишти алысыраак жылдырышып, бир кесим этти моло таштын сол колуна, дагы бир кесимин болсо оң колуна, үчүнчү кесимди (майдалашып) абага ыргытышты.

Мага алардын жоругу кандайдыр бир жапайы туталанууну жаратып, жанагы чоң моло ташты жерге алып урдум. Кыргыздар: «О, халифа! Жок дегенде Серйукту сыйлап, мындай кылбаңыз» – деп чуу чыгарышты. Бирок улуу даражалуудан коркуу бул кыргыздардын жүрөгүнүн үшүн алгандыктан, алар кыңк этишкен жок.

Андан кийин мен (аларга): «Бул моло ташыңарды алып, улуу даражалууга таазим эткенге баргыла. Мобул оорукчанды дагы өзүңөр менен кошо алып алгыла» – дедим.

Кыргыздар: «Биз бардык моло таштарды алалы, бирок талбийа-йи жакарды албайбыз» – дешти. Мен бардык топтошкон элди урушуп, чоң моло ташты кайрадан кулатып жибердим. Андан кийин //(88а–б) эркек жана аялдардан турган бул топтолгон элдин бардыгын Хожа Исхакка таазим эттирүүгө алып келип, улуу даражалууга болгон окуяны айттык.

Улуу даражалуу бул топтолгон элге кайрылып: «Бул эмне? – деп талбийа-и жакарды көрсөттү,– бул эмне жана ал эмне кылалат?» Чогулгандар: «Бул биздин кудайыбыз, силердин кудайыңар эмне кыла алса, биздин кудайыбыз да ошону жасайт» – деп жооп беришти.

Улуу даражалуу муну айтты: «Силердин кудайыңар мобул оорукчанды бүгүн же эртең айыктыра алабы?»

Чогулгандар: «О, хожам! Эгер чынын айтсак, буга биздин кудайыбыздан эч пайда жок» – деп жооп беришти.

Андан кийин улуу даражалуу минтип айтты: «Эгер биздин кудайыбыз силердин оорукчаныңарды айыктырса, биздин кудайыбызга ишенесиңерби?» Кишилер: «Ооба, чын дилибизден макулбуз», – деп айтышты.

Улуу даражалуу мындай деди: «Оо, досторум, мен дуба окуйм, силер бата кылгыла».

Улуу даражалуу баш кийимин алып, //(88б–б) жараткан кудайдын касиеттүү жайына ыйык жүзүн сүртүп, боздоп ыйлап, онтоосун көккө жеткирди. Ал (ушунчалык) онтогондуктан асман түркүгүндөгү периштелер ыйлап, адамдардын боздогону асманга жетти.

Улуу даражалуу муну айтты: «Кудайдын ыйык жайынын эшигине тартуу кылгыла». Тартууларды алып келишти. Кыргыздар жылаңбаштанып, жакасын тытышып, сокур болгон чымчыктай жерге оонай башташты.

Капыстан жанагы оорулуу жараткандын ырайымы менен чүчкүрүп ордунан тура келип: «Мен күбөлөндүрөм, Алладан башка кудай жок, мен күбөлөндүрөмүн, Мухаммад кудайдын кулу жана үммөтү, Алладан башка кудай жок, Мухаммад Алланын пайгамбары» – деп улуу даражалуу алдында чыныгы ишеним жарыгы менен нурланды.

Анан чогулгандардын баары Алла Таалага ишенип, мусулман болушту. Моло таштардын баарын талкалашты, талбийа-йи жакарды да талкалашып, анын күмүшүн (Хожа Исхактын) шакирттерине беришти.

[1] Текстте: кариб.

[2] Перс тагар (түрк тагара) балким, «топурак идиш», «чака», «чан», «челек» ж.б. маанисинде.

[3] Кыргыздардын жана ага жакын калктар жана уруулардын «ыйык» даракка сыйынуусун. Кар.: мисалы: Валиханов. Ч. Избр. произведения. – Б., 179; Иоанин де Плано Карпини. История монголов; Вильгельм де Рубрук. Путешествие в восточные страны. – Б., 78. Кыргыздардын «ыйык» дарактарга, бадалга сыйынуусу кийинки мезгилдерге чейин сакталган. Кыргыздардын айрым талга сыйынуусу XI к. автору Гардизинин кабарында айтылат (Бартольд. В. В. Отчет о командировке в Туркестан. Приложение, текст. – Б. 87/ котормо. – Б., 111).

[4] Текстте: бутхане.

[5] Текстте: бйа( йи) ж.к.р. бул термин азырынча чечмелене элек жана анын окулушу шарттуу.

                                                       МАУЛАНА ПИРУИ БУХАРАИНИН ЖАЛИС-И МУШТАКИНИ

ЛО ИВАН жыйнагында А 232 шифр менен Жалис-и муштакин («Динге чаңкагандардын маектеши») аттуу кол жазма сакталып турат. Чыгарма айтылуу суфий шейхи Хожа Исхактын (1008/ 1599-ж. өлгөн.) өмүр баянына арналган.

ЛО ИВАН каталог басылмаларына караганда А 232- уникалдуу кол жазма. Ал 1897-ж. Азия музейи тарабынан Кашгар консулдугунун мурдагы катчысы Я. Я. Лютшдан сатылып алынган.

Жалис-и муштакинизилдене элек жана илимий адабиятта жазыла элек чыгарма. К. Г. Залеман шейх Хожа Исхактын өмүр баянына кайрылып, кол жазманы учкай эскерип кеткен1; К. Г. Залемандын эскерүүсүнө таянып А.З. Валидов жана А. А. Семеновдор ал тууралуу [1]маалымат беришкен[2].

Текстте айтылгандай (5а–б) анын автору Маулави Шах Мухамад ибн Маулана Хисам ад-Дин, көбүнесе Маулан Пирун Бухараи аты менен белгилүү. Чыгарма хронограммада байкалгандай жана анын аталышынан купуя көрүнгөндөй (10б–б), кыязы, 1004/ 1595-ж. шейхтин көзү тирүү кезинде, балким, анын көрсөтмөсү боюнча жазыла баштаган. Ал Хожа Исхак өлгөндөн кийин, б.а., 1008/ 1599-ж. (хронограмма, 102а–б) бүткөрүлгөн.

Шейх Хожа Исхактын өмүр баяны көп жылдар бою анын шакирти жана ишенимдүү адамы болгон автордун жеке эскерүүсү боюнча жазылган. Чыгарма көлөмү жагынан бири-бирине дал келбеген он баптан турат.

Текст уйкаштырылган кара сөз түрүндө жазылып, ага ыр саптары кошулган. Чыгарманын тили бир аз көркөмдөлүп, каймана мүнөзү бар. Апыртылган кургак чечендик кээде анын мазмунуна айрыкча кедерги тийгизет.

Шейх Хожа Исхак орто азиялык уруулардын жана элдердин, алардын ичинде кыргыздар арасында мусулмандыкты тараткан инсан болгону белгилүү. Ошондуктан Жалис-и муштакин менен Шейх Хожа Исхактын Зийа алкулубдагы өзгөчө кабарланган өмүр баянын салыштыруу Орто Азиянын XVI–XVII кк. тарыхы менен илгиленген илимпоз үчүн белгилүү даражада кызыкчылык жаратышы мүмкүн.

[1] «Melanges Asiatiques tires du Bulletin de Akademie Imperiale des Sciences de. – St/ – Petersbourg». – Б, XIII.

[2] Валидов А.З. Восточные рукописи в Ферганской области.– Б., 304; Семенов. А. А. Указатель персидской литературы. – Б., 20. 3 Кар: ушул бас.

    ЖАЛИС-И МУШТАКИНДИН ҮЗҮНДҮЛӨРҮНҮН КОТОРМОСУ

                                                                                                                           I

// (9б–б) Ушундан кийин улуу даражалуу3 сөз баштоого маркамат этти[1]. Мен мусулмандарга кызмат кылуу максатында өзүмдү ушул ишке арнап жана улуу хожалардын мыктыларынын ыйманынын ыйыктыгынан, алардын мүрзөсүнүн үстүндө ылайым ырайымдуулук жана жыпар жыт аңкысын! – мен бир канча миңдеген кыргыздарды жана калмактарды ишеним нуру менен бактылуу кылып, (аларды) наадандыктан жана бузукулуктан куткарды. Кокустук каарынан калмактардын колуна түшүп, өмүрү менен кош айтышкан мусулмандардын канчасын сактадым. Мен ошондо мусулмандыкка кызмат өтөө канчалык пайдалуу экенин сезип, Аксу, Кашгар, Куча жана Хотан аймагында бир канча жыл жүрүп, элди туура жолго салдым.

[1] Хожа Исхак менен анын шакирттигине өткөн ушул тазкире авторунун биринчи маеги баяндалат.

                                                                                                      II

// (17б–б) Жер четинен жаркырап чыккан күндөй болгон улуу даражалуу ушул адилетсиз тогуз ааламдын тирегин жарык кылып, кыргыз жана казактардын урууларын наадандыктын чүмбөтүнөн (тазалап) бул элдер бушайман болуу бактысына арзышты. (Ал) калмактардын динге киришине да себепкер болгон…

                                                                                                     III

// (46а–б) Андан кийин ал (Хожа Исхак) наадан кыргыздарга келген соң мындай окуя болду. Эки жүздүү кыргыздар казактардын бир тобу менен Сарык-кол жергесине жана бир нече аймакка зыян келтирип, улуу даражалууга жагымсыз иштерди жасап, о, анын сыры ыйык болсун, бир күнү өзүнүн мээримдүүлүгү менен мага келип муну айтты: «О, султан, жараткандын чексиз мээрмандыгынын жардамы жана кудайымдын учу-кыйыры жок насыйкаты менен сиздин бийлик тагына көтөрүлүшүңүзгө жана кудуреттүүлүктүн шатычасына чыгышыңыз менен аалам бийлешиңизге жеңилдик көрсөтсүн! (Бул) сыноодо кудай жолдогон азаматтарды улуу хожалардын рухунун атынан,– Алла алардын сырын касиеттүү кылсын! – силердин кайрымдуулугуңардын таканчыгы бийик болуп, кудай колдосун! Убакытты созууга болобу? Кана, туруп жанагы наадан кыргыздарга жана эки жүздүү казак урууларына[1] жөнөгүлө дагы ыйык рухтун күчү //(д6б–б) менен бул дүйнөнүн душмандарына кудайдын кубатын билдиргиле!»

Улуу даражалуу,– о, анын сыры ыйык болсун! – ушундай бата берип, мен ордумдан туруп, улуу даражалуунун алдында: – О, анын сыры ыйык болсун! – ийилген аалам жасалгасынын желегин өз кудуреттүүлүгүмдүн туусу кылып алдым. Жеңүүчү аскер менен бир канча күндөн кийин аларга келдим.

Баатырлардын толкун ириминен жана ишеним үчүн кошулган аскерлердин түрүнөн эле алардын денеси безгек баскандай калтырады. Алар каршылашууга дарамети келбей, бала-чакасын таштай качышты. Биздин жеңишчил аскердин катуу кысымы менен алардын балдары менен неберелери аймактын чар тарабын кыйкырыгы менен жаңыртышып туулган жерин таштап, ар кимиси туштарапка кетишти. Жардылар сыноонун катаалдыгынан жана араздашуу менен жоолашуу айынан ар бир эшиктен үзүм нан, кийим издеп, суусуз чөлдө каңгып калышты. Көгүлтүр асмандагы чаң сымал чөлдө көчүп жүргөн бул уруу, каатчылыктын айынан баштарын адептүүлүктүн жакасына катышып, улуу насаатчыга карата (өздөрүнүн) каалоо тизгинин тартышты.

Улуу даражалуунун – о, анын көрүстөнүнүн үстү жарык болсун! – кудуретинин жарыгы жана санда жок шаан-шөкөтүнүн белгиси мага карата билинип, мен бул аскер арасында канчалык аракет жасап, тырышып атыга бутпарастыктын чүмбөтүн жана жапайылардын[2] араздашуусун жер жүзүнөн такыр жоюп, жазгы байчечекей сымал жаштыктын белгиси бул мейкиндикте жанып, ал эми кайгынын жана караңгылыктын пардасы // (47а–б) алардын маңдайынан арылды.

Улуу даражалуунун батасы жана улуу шейхтердин рухунун жардамы менен: – О, аларга карата кайрымдуулук жана жыргалчылык болсун! – ийининин кудурети жана каруусунун күчү, козголоңчулар менен душмандарды моюн сундурчу курч кылычтын жардамы менен жараткан кудайдын мээрмандыгы жана анын кайрымдуулугу өз маалында ийгилик болуп белгиленди.

Жана дагы мындай болду, улуу даражалуу, – о, анын сыры ыйык болсун! – ал кезде Аксу аймагында өзүнүн кайрымдуулук ишин жасап, мен ошол улуу иш үчүн улуу даражалууга кызмат кылуу таасири астында аргасыздан тынчсызданып, өзүмө кайрылып бейт окудум:

Аны менен Кааба кошулуш бул селсаяктын максаты, Мен шордуунун каалоосуна жеткизе көр, Мырзам!

Мен эч кимге билгизбей, адилет жана ак ниеттердин баш калкалоочу жайы болгон бийик башпаанекке жашыруун жеттим – * * *[3].

Биз келээр замат улуу даражалуу,– о, ага карата кайрымдуулук жана жыргалчылык болсун! – үйүнөн чыгып далилдүү тил менен муну айтты: «Кош келипсиңер! Бизде татаал суроо пайда болуп, сурамак үчүн биз силерди чакырдык: Силердин зирек султаныңардын тобунун жардамы менен сансыз кол алып Чалышка (?) жортуул жасаган Хазрат хандын өтөөсүнө чыкпай калышынын себеби эмнеде?»[4]

Мен ордуман атып туруп таазим этип, чалмамды жерге тийгизип момундук // (47б–б) менен бейт айттым:

Мобул айланган асман ишти жасабастан,

Ал жараткандын бардыгы асыл эрлердин аракетинен.

Ал (Хожа Исхак) ордунан туруп намаз үйүнө бет алды. (Ал мага) көрсөткөн ылым саноосунун эле андан зефирдин желаргысындай жыпар жыт аңкып, үмүтсүз уйкусуроодон жабылган көздөрүм кубаныч кабарга ачыла түштү. Мындан соң мен кайра келип, бир күн бою кубанычта жүрдүм.

Кийинки күнү ошол эле убакыт, ошондой эле кырдаалда мен улуулар айткандай өзүмчө ойлоно баштадым* * *.

Кайрадан анын улуу даражалуулугуна – о, анын сыры ыйык болсун! – тагдыр башпаанегине ошол эле жол менен атчан жөнөп муну айттым* * *.

Мен келгенде улуу даражалуу мен бечарага утурлай чыгып мындай деди: «Кечээки суроого сиз жооп алып келдиңизби?»

Мен кайрадан сыпаалыктын жана момундуктун тили менен бейт айттым:

Эмнени жаштар күзгү бетинен көрсө, Кары аны бышкан кирпичтин бетинен көрөт.

Анын улуу даражалуулугу: «Жакынкы күндөрү бир чечимге келип, ал үчүн аянбай аракет көр» – деп айтты. Андан кийин намаз окулчу жайга кетти.

Бул сөздөрдөн жазгы гүлгө шамал жашоо бүчүрүн алып келген сымак жүрөгүм үмүткө толуп, тилектин шалбаасы кубанычтан жана күлкүдөн жайнап, бүчүрүн ачты.

Мен бечара кайра кайтып, үйгө (өзүнүн) кирип (бул) таң атканча түн кечирдим. Качан бакыт таңы жакшылык тилек горизонтуна башбагып, күн өз огунда жылып баштаганда мен кайрадан анын улуу даражалуулугун – о, анын сыры ыйык болсун! – ырахаттанып көрмөк үчүн бет алып, өзүмчө бейт айттым:

О улугум, сенин таза ыйманың – кудайдын күзгүсү болгон, Кудайым, колдоочулук көлөкөңдү башыбыздан кетирбесин.

Мен келип эшендердин асылдарынын биринин босогосуна токтогонумда, кудайдын шаңдуулугундай болуп өзү эшиктен көрүндү. Ал ааламды жарык кылып, муну айтты: «О, султан, хожаларга ант берип, Чалыш жана Турфан аймагына барыңыз. (Сизге) кудайдын жаңы мээрмандыгы жана жараткандын чексиз жакшылыгы жардам берсин! Жөнөңүз да, оюңузду жыйынтыктаңыз!» * * *

Асман ачылгасындай болгон мындай көңүл көтөргөн мээрмандыктан тилек сарайына достук орноп жана анын сөзүндөгү жандуу суудан берилген достордун жүрөгүндө бакча гүлдөп, жыты аңкыды.

Мен дароо ыргып туруп, момундук менен кызмат кылуунун босогосун өөп, хожаларга ант берип, жан жыргаткан фатиханы окуп, зыяратчылык кийимин кийип, аскерлер атка минип Чалыш жана Турфанга карай бет алсын деп буйрук бердим.

(Жакын жайгашкан) кыргыздар менен казактарга опуза көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу эмирлердин эч кимиси макулдук болгон жок. (Алар): «Бул кышты өткөрүш керек, жазында болсо буйрук берилгендин бардыгын аткаруу зарыл» – деп айтышты.

Али уруусунун сөзүнө абдан ишенгендиктен мен күтө алган жокмун жана жоокерлердин тилине кирген жокмун. // (48б–б). Мен дароо аттанып, бир-эки өткөөл[5] жүр гөндөн кийин, аскерлер аркаман айласыздан жетип келишти. Жам жергесине келгенимде, эмирлердин чыдамы кетип, мага кайрылышты: «Дос катары айтабыз: казактар аттанып, бул аймакка кол салганы жатышат деген кабар келди. Келиңиз, мындан бир айчалык жолго алыстап кетели. Ошондо мобул тайманбас иттер (сиздин) карамагыңыздагыларга эмне кыла алат?»

Ошондо мен бул адамдардын пикирлеш экенин түшүнүп, муну айттым: «Оо, шордуулар! Атактуулар мындай деген… * * *[6] Качан ошол улугубуз Чалыш менен Турфанга жөнөгүлө деп буйрук бергенден кийин маалкатуу тууралуу ой болушу мүмкүнбү?.. Өзүңөрдүн милдетиңерди аткарып, эмне айтылса бардыгын жасагыла. Мына, асыл башымды мобул билим карысынын күзгүс үнүн бакыт босогосуна коюп жана жүрөгүмдү улуу даражалуунун кызматына арнаган мен анын оюна каршы чыгамынбы?!»

Муну айтып, жаа менен жебеге кол сундум. Бардыгы менден жаа бою качты. Мен болсо жебени жаага салып, бул топту коркутмак үчүн аттым эле, бир адамга тийди…[7]

[1] Үзүндү толугу менен уйкаштырылган кара сөз түрүндө жазылып, кыргыздар менен казактарга карата уламдан-улам кайталана айтылган эпитет кыязы, кыргыз-и би тамиз жана казак-и пурнифак делип уйкаштыкка жараша жазылса керек.

[2] Текстте: залиман.

[3] Жылдызчалар бейттеги калтырылган боштукту билдирет.

[4] Төмөнкү сүйлөмдүн мааниси түшүнүксүз:

[5] Текстте: манзил.

[6] Месневи ыр түрмөгү которуусуз калтырылды.

[7] Мындан ары ангемеде кыргыздар тууралуу эскерүү жок.

                                                                                                            РАФИК АТ-ТАЛИБИН

ЛО ИВАНдын кол жазмалар фондунда сакталып турган уйгур чыгарма Рафик ат-талибин («Акыйкат издегендердин досу») А. М. Мугиновдун каталогунда сыпатталган[1]. Ошондуктан биз мында, чыгармага жалпы мүнөздөмө берип, колдонулган нускадан А. М. Мугинов келтирген маалыматтарды толуктап, тактай турган кабарларды беребиз.

Рафик ат-талибин-Абу Мансур деген автор тарабынан жасалган Мирза Шах-Махмуд ибн Мирза Фазил Чурастын (белгилүү тарыхый эмгектин автору)[2] Анис ат-талибин эмгегинин котормосу. Анис ат-Талибиндин персча түп нускасы (азырынча жалгыз нуска менен белгилүү) А.Бистон тарабынан сыпатталып чыгарылган[3].

Абу Мансур өз котормосун атактуу эмир Даулат-шахбек менен анын уулу Осмон-шах-бекке арнап, кириш сөзүндө аны мактап, «көптөгөн жакшылыктарын көрдүм» деп кабарлайт4. Парсча түп нускага караганда Абу Мансурдун котормосу толук эмес. ЛО ИВАНдагы кол жазма 1271/1855-ж. барат айынын биринде, 19-апрелде Аксуда көчүрүлгөн[4].

Рафик ат-талибин чыгармасында кыргыздардын, тактап айтканда, алардын мусулмандашуусун айгинелей турган кызыктуу маалыматтар камтылган.

Бул жагынан кандайдыр бир хронологиялык талапты сактабай айтылган аңгемелер, алардын ичинде каратоолук кожолордун башчысы, таанымал суфий шейхи-Хожа Исхактын өмүр баяны[5] жана алардын Чыгыш Түркстандын башкаруучуларын, шаар тургундарын, ошондой эле кыргыздардын эмирлеринин Алай жана Сарыг-Йаздагы кыргыздардын Хожа Исхактын жолун жолдоочуларынан болгондугу тууралуу маалыматтары кызыгуу туудурат.

Аталган чыгармадагы Хожа Исхак жөнүндөгү маалыматтар (хожонун жана анын шакирттери жасаган шумдуктар тууралуу аңгемелердин бөлүгү) кыязы, анык. Алардын көпчүлүгү Хожа Исхактын шакирти болуп, ага Аксунун тургундарын[6] өз тарабына тартууга көмөк көрсөт көн, негизги чыгарманын автору Махмуд Чурастын чоң атасы Мырза Кутлуг-Мухаммад Чурас тарабынан кабарланса керек. Бул аңгемелердин айрымдары Тарих-и Кашгарда да кездешет[7].

Төмөндө биз Рафик ат-талибинден, жалпы жонунан, Хожа Исхактын ишкердигине жана анын рухий бийликти ээлеп алуусуна байланыштуу баяндын котормосун бердик.

Бизде Рафик ат-талибиндин парсча түп нускасы Анис ас-талибин менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болду: Бодлиян китепканасындагы парс кол жазмасынын фотокөчүрмөсүн бизге О. Ф. Акимушкин кең пейилдик менен пайдаланууга берди.

Бирок Рафик ат-талибиндин котормосу бүткөрүлүп, азыркы түрүндө иштелип калгандыгына байланыштуу биз парсча түп нускасы менен анын котормосунда болгон бир канча айрымачылыкты белгилеген жокпуз.

[1] Мугинов А. М. Описание уйгурских рукописей института народов Азии Ан СССР. – Б., 179.

[2] Кар: ЗВАРАО. – Т. XXII. – 1915, – Б., 313–319.

[3] Саtаlоguе оf thе Реrsiаn, Тurkish, Нindistani and Pushtu Маnuscripts in the Bodleian Library/ Pt/ III. № 2404. 4 Рафик ат-Талибин. – ЛО ИВАН -В 771 -ба-б

[4] Ошол эле – 96а–б.

[5] Биздеги булак боюнча ( 83а–б) Хожа Исхак, Махдум-и Азам ат менен белгилүү болгон (1542 же 1549-ж. өлгөн) шейх Ахмад ибн Жалал ад-Дин Касанинин ортончу уулу.

[6] Кар: Ушул бас.

[7] Тарих-и Кашгар тууралуу. – Кар: Бартольд В. В. Отчет о командировке в Туркестан. – Б.236; Мугинов А. М. Описание уйгурских рукописей. – № 38–40.

РАФИК АТ-ТАЛИБИНДЕН ҮЗҮНДҮ

                                                                                                           I

// (85б–б) Улуу даражалуу[1] такыба (Хожа Исхак) улуулардын[2] уруксаты менен Кашгарга келди. Молдо Касимхалифа (анын) мюриди болду. Молдо ибн Йусуф-халифа (өз) доорунун улемдеринин жана таанымал имамдардын бири болгон. (Хожа Исхак тууралуу) күтүүсүз кубанычтуу кабар алып, Хотан вилайетинен шашылыш чыгып Кашгарга келип, улуу даражалуу Такыба менен кезигишүү бактысына арзыды. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Молдо Касим-халифа жана Молдо ибн Йусуф-халифалар акыйкаттык жана кемтиксиз ишениминин жолуна түшүү сыймыгына татышты.

Улуу урматтуу Мухаммад хан[3] Кашгарда (Хожа Исхактын) мюриди болду. Эгер улуу Алла кааласа, бул тууралуу кенен баяндалат.

Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) Йаркендге келди. Бул убакта Абд ал-Карим хан[4] тирүү эле; Мухаммад хан султан эле. Ич күйдүлүктүн айынан даражалуу такыба (Хожа Исхак) менен Абд ал-Карим хан ортосунда жаңжал чыгып, ошондуктан (Хожа Исхак) Хотанга бет алды.

Бул убакта Хотанды (башкаруучу) Курейш-султан[5] бийлеп турган. Мухаммед хан Аксуда эле. Курейш-султан Хожа Исхакты урматтап тосуп алыш үчүн Кум-рабатка[6] уулу Худа-Берды-Банда-султанды[7] жиберип, ага (Хожа Исхакка) жакындыгын билдирди. Бирок Курейш-султан орой адам болгондуктан, // (86а–б) улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) Хотанда кармалбастан, Чира[8] өлкөсүнө бет алды. Ал үч жыл бою бул өлкөдө жашады.

Ал убакта Чира[9] өлкөсүндө дайыма аккан суу болбогондуктан, калк Хожа Исхактан жардам сурашты. Улуу даражалуунун элге боору ачыды. Азыр Чира өлкөсүнө агып турган суунун башатында бир такыбанын (сөөгү) коюлган. Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) бир жөкөрүн жиберип, муну айтты: «Баргын да (такыба маркумдун арбагына) жолоочу келип, даарат алганга суу сурап атат деп кабарла. (Андан соң) артыңа карабай тез кайткын». Ал жөкөр мазарга келип улуу даражалуулугунун ыйык буйругун аткарып, кайра кайтты. Суфийдин аркасынан суу шаркырап келди. Кудайдын эрки! Бул суудан Чира өлкөсү жашыл жамынып, телегейи тегиз болду. Улуу даражалуу мындай деди: «Кайсыл убакта суу аз болсо, койлоруңарды алып, суунун башатына баргыла. Ал жерге келип курмандык чалсаңар, сөзсүз көп суу агат. Биз ошол такыбадан (суу) суранып, аны алып келдик. Биз экөөбүз тең[10] силерге жардам берүү үчүн аянбайбыз».

// (86б–б) Чира өлкөсүнүн кудуктарында суу жок. Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) (бир күнү) дөбөчөдө туруп: «Казгыла, бул жерден суу чыгат!»– деп буйруду. Чиранын төбөлдөрүнөн болгон Мырза Пайанд аттуу адам: «Бул жерде суу болбойт»,– деди. Улуу даражалуу: «Казгыла, көп суу чыгат»,– деп айтты. Ал адам болсо: «Суу болбойт» – деп көжөлдү . – (Ошондо) улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) ачуусу келип: «Анда болбой калсын!» – деп жарыя салды. Ошол себептен Чира өлкөсүнүн кудуктарында суу жок.

Чирада Кук-Гунбад аттуу кыштак бар. Мухаммад хан (ал жакка адамын жиберип) улуу даражалуу такыбадан (Хожа Исхактан) Аксуга келип кетишин өтүндү. Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак ) кудайдын батасы менен өзүнүн бир тамтыгы чыккан чапанын, бир чалмасын Чиранын ханакасында калтырды.

Моголистандын калкы түгөл бата тилеп (аны) айланышат.

Курейш-султандын эң чоң уулу Худа-Берды-Банда хан (Хожа Исхактын) мюриди жана жан досу болду деп айтышат. Худа-Берды-Банда хандын энеси, Курейш-султандын жары оорудан өлдү. Курейш-султан улуу даражалуу такыбага (Хожа Исхакка) адамын жиберип, муну айтты: «Ал дуба кылганча келе алаар бекен?» Улуу даражалуу Чирадан Хотанга келди. Курейш-султан улуу даражалуу

Хожага: «Менин аялымды тирилтип бериңиз!» – деп жалынып-жалбарды. Улуу даражалуу мындай деди: «Эгер анын денесинде жашоонун бир белгиси, жок дегенде дем алуусу сакталганда, тирилтсе болмок. Иштин жайы // (87а–б) ал жашоодон өлүм абалына кеткендиктен (аны тирилтүү) мүмкүн эмес».

Курейш-султан ишенбей, көжөлө берди. Улуу даражалуу: – О ага Алла ыраазы болсун, о, Алланын мээрими жана батасы аны колдоп жүрсүн! – каары кайнап, мындай деди: «О, Курейш, сен тукумуң менен (бирөө дагы) хандык бийликке жетпейсиң!» Ошондуктан Курейш-султан, анын көп сандаган урпактары – Мухаммад Хашим-султан, Искандар-султан, Чингиз-султан жана Худа-Берды-Банда хандын балдары болгон калгандарынын бардыгы тең жөндөмдүү ханзаадалар экенине карабастан хандык бийликке жетпей, бардыгы ырайымсыз кылычтан өлүштү.

Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) Курейш-султанга ачууланып, Аксуга кеткен деп айтышат. Улуу урматтуу Мухаммад хан аны Аксудан күтүп алды. КутлутМухаммад хан Чурас жана Назар-мырза Урда-беги (Хожа Исхактын) мюриддери болуп калышты. Улуу даражалуу такыба Аксуда калып, (бирок) шаар калкы (ага) моюн сунган жок. Улуу даражалуу мындай деди: «О, Кутлуг-Мухаммад мырза! Бул элге биздин турушубуз жыргалчылык жышааны экенин айтып кой. Биз бул жерге улуулардын (хожалардын) уруксаты менен //(87б–б) көрпенделерди ыйман жолуна салыш үчүн келдик».

Бул рисаленин автору, алсыз кулдун чоң атасы болгон Мырза Кутлуг-Мухаммад Чурас Аксунун тургундарына барып: «О, журт, бул такыбанын келишин эки дүйнө үчүн тең сыймык деп билгиле»,– деди.

Ошондо жинге окшогон бир шумдук могол мындай деди: «Келгендердин бардыгы: «Мен ушундаймын» – дешет, биз анын ким экендигин билбейбиз. – Кутлуг-мырза: – О, пас адамдар, бул могол өлкөсүн (силерге) улуу даражалуу Махдум-и А*зам[11] тартуулаган». Бул турган асыл адам ошол олуянын[12] баласы болот»,– деп айтты.

Бул кезде Уштур-Халифа, о ага (Алла) кайрымдуулук кылсын, колуна чоң таяк алып, (аны) улуу даражалууга кезей баштады. Мындан Аксу тургундарына чейин оголе узак аралык болгон. Аларда көтөрүлгөн ызы-чуу улуу даражалуу такыбанын (Хожа Исхактын) жакшылык ыроологон айланасына жеткен жок, (бирок) ал окуянын (сырын) Уштур-Халифа ачып берди. Улуу даражалуу такыбадан кетип, ал ошол (талаш) жерге жанагы чоң таягын кармай келип жинге окшогон шумдуктай моголду урду. Ал жыгылып бир канча убакытка эс-учуна келалбай жатып, эсине келгенде: «Хожам, Хожам!» – деп турду.

Ушул убакта // (88а–б) ошол карыган арсыз кедейдин чоң атасы Кутлут-Мухаммад мырза толкунданып: «О арсыз адамдар, силер улуу даражалуунун дубанасы жасаган укмушка өзүңөр күбө болдуңар, эми кечеңдетүүнүн канчалык кажети бар?» – деди.

Аксунун тургундары толкунданып, бардыгы дароо (Хожа Исхактын) мюриддери жана жан достору болуп калышты. Аксу шаарына ханака тургузушту. Ошондон тартып бүгүнкүгө чейин бул ханакада (болушкан) адамдар каалаган максатына жетишет; бул жер сыйына турган кудай ырайымын ыроолочу жай.

Андан кийин (Хожа Исхак) Аксудан Кучаны көздөй салды. Улуу даражалуунун кабары Кучага жеткен соң, бул аймактын тургундары – улуу-кичүүсү, кары-жашы тосуп чыгышып, (Хожа Исхакты) шаарга алып келишти.

Куча шаарында Кази-Баки аттуу бир казы болгон. Ал Маулана Арш ад-Диндин, – о Алла анын сырын ыйык кылсын,– урпактарынын бири эле. Өзүн Махдумдун урпагынан деп эсептеп ал (Хожа Исхакты) анча урмат кылган жок. Улуу даражалуунун (Хожа Исхактын) жакшылык ыроологон жүрөгүнө мындай мамиле (Кази-Бакинин) жагымсыз из калтырды. Түбү ал адам көздөгөн оюна жетпей, ал түгүл жашы кырктан ашкан жок.

Улуу даражалуу улуу хожо Накшбандын[13] урпактарынын бири Набира хожа аттуу адам болгон. Ал жөө (далысына салып) (Хожа Исхакты) замбилде (шаарга) алып кирди. Ал өзүнүн каалаган максатына жетти. // (88б–б) (Хожа Исхак) Кучадан Турфанга кетти. Ал Чалыштан өтүп, Күмүш-Акмуга келди. Бул жерде ал түнөп, кийинки күнү (таңкы) намаздан кийин Күмүш-Акмудан калтырып, Кучага кайтып келди. Ал Уштур-Халифамды Турфанга жиберди. Кучанын элин ыйман жолуна буруп, өзү (Хожа Исхак) Аксуга кайтты.

Уштур-Халифам, – о Алла анын аныктыгын нурга бөлө, – Турфан шаарынын калкы Султан Алаф-Ата деген ат менен белгилүү болгон Кара хожанын мазарына сыйына тургандыгын[14] көрдү; бул себептен алар (Уштур) халифага моюн сунган жок. Уштур-Халифам Султан Алаф-Атанын бейитинин үстүнө отуруп таяк менен бейитти чапканда, бейит титиреди. Уштур (халифам) коркуп четке чыга берди. (Андан соң Уштур-халифам), о Алла ага кайрымдуулук көрсөтө көр, кайрадан бейитке көтөрүлүп, бирок коркуп кайрадан (андан) түштү.

Кыскасын айтканда, бул учурда мазардын жанында турган бир суфий төмөнкүдөй көрүнүшкө күбө болду. Улуу султан Алаф-Атанын бейитинен арстан чыгып, УштурХалифамга атырылды. (Бул мезгилде) улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) пайда болуп (Уштур)-Халифамды арстандын чеңгелинен куткарды. Ал суфий окуя туурасында Турфан менен Камулдун тургундарына айтып бергенден кийин алардын бардыгы улуу даражалуу такыбанын (Хожа Исхактын) мюриддери жана жан досу болуп калышты. Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхактын) бул өлкөдөн Мавераннахрга кайтып келди деп айтышат. // (89б–б) Ал Сарыг-Йазы[15] жана Алай өлкөлөрүндө үч жылга жакын жашады. Кээ бир кыргыз эмирлери жакын досу жана (Хожа Исхактын) тарапкерлери болуп, айрымдары (аны) таанышкан жок. Жан досторго айланган кыргыздардын эмирлери бир күнү чоң топ болуп чогулушту. Кыргыз эмирлеринин жана аскер башчыларынын бири улуу даражалууну тааныгысы келбеди. Ал адам улуу даражалуу такыбага сырын ачты. Ал (Хожа Исхак) берекелүү колун ошол адамдын кежигесине коёр замат, ал адам эркинен айрылып жыгылды. (Андан соң) аябай толкунданып, кыйкырып жана онтолоп туруп (Хожа Исхакты) тааныгысы келбегендер менен бирге анын жан досуна жана мюридине айланышты. Кыргыздын бардык уруулары[16] толук бойдон мюриддердин (Хожа Исхактын) катарына өтүштү.

Абд ал-Карим хандын везири Хожа Убайдаллах[17] (Мухаммад)-Вали суфийдин мюриди болгон. (Абд ал-Карим хан) улуу даражалуу такыбага кайра келүүсүн өтүнүп (Хожа Исхакка) (Яркендге ) адам жиберди…

// (90б–б) Китептин автору баяндайт: «Бул кембагалдын чоң атасы Кутлуг-Мухаммад мырза жана анын бир тууганы Мамук мырза (Хожа Исхакка) мыкты кызмат кылышты. Улуу даражалуу такыбага алардын балалуу болуу туурасындагы ою белгилүү болду; аларга ырайым кылып: О, Кутлуг Мухаммад мырза, о Мамук мырза, силердин көп балаңар болуп, балдарыңардан эр жүрөк баатырлар жана эмир, бектер чыгат. Силердин бардык кыздарыңар аруу жана такыба болушат»,– деп айтты.

Кудайдын эрки! Кутлуг-Мухаммад мырзадан жарык дүйнөгө сегиз уул, жети кыз келди. Мамук мырзадан жарык дүйнөгө алты уул, сегиз кыз келди. Алардын бардык балдары бийликке жетип, эмирлердин эмири болушту3: мырза Хашим-бек, // (91а–б) мырза Мазид-бек, мырза Мухаммад-Назарбек, мырза Латиф-бек, мырза Курбан-бек.

Мырза Мазид-бек бийликте турганда рухий башчы. кылып улуу даражалуу такыба Шади-хожаны[18], – о ага Алла ырайым кылып, анын дубасы кайтарылсын,– дайындады. Ал аябагандай боорукер адам болгон.»

[1] Уш.бас. – Кар:

[2] Мурдагы текст көрсөткөндөй мында «улуу хожалар» деп Лутфаллах Чисти ( Хожа Исхактын устаты) жана анын шакирттери айтылат.

[3] Колубуздагы булакка караганда, Мухаммад хан, Абд ар-Рашидхандын (1565/ 66-ж. өлгөн) бешинчи баласы, 18 жыл башкарып, 72 жашында дүйнөдөн кайткан (1609/ 10-ж.)

[4] Абд ал-Карим хан (1592-ж.өлгөн) – Абд ар-Рашид хандын уулу.

[5] Курейш-султан – Абд ар-Рашид хандын балдарынын бири.

[6] Кум-рабат Хотан аймагында болгон. Кар: Риттер К. Землеведение / пер. В. В. Григорьева. – Вып.2-Доп, – Б., 488.

[7] Башка булактарда анын аты – Худа-Банда.

[8] Хотандын чыгыш жагындагы район.

[9] Өзөн дагы Чира деп аталат.

[10] Кыязы, сөз Хожа Исхак жана жогоруда эскерилген кызматкер суфий тууралуу болуп атат.

[11] Кар: Уш. бас. – Б., – Эск 6.

[12] Текстте: хазрат.

[13] Баха ад-Дин Накшбанд ( 717–791/ 1317–1389) – накшбадийа суфий орденинин негиздөөчүсү.

[14] Сөзмө-сөз: «ишенишет» маанисинде.

[15] Текстте: Сариг йази; Тарих-и Кашгар ( ЛО ИВАН тизмесинде В 2472, 90б–б) – Саригсай; Балким, сөз Мургаб районундагы Сары-Язы жергеси жөнүндө болот окшойт. – Кар: «Россия. Полное географическое описание нашего отечества». – Т.ХIХ.-Туркестанский край. – Б.,640.

[16] Текстте: уймак.

[17] Бул жерде Абдаллах деп ката жазылса керек, кол жазманын кийинки саптарында – Убайдаллах. 3 Текстте: амир ал-умара.

[18] Шажи-хожам ( дагы йахйа-хожам) – Хожа Исхактын уулу.

        // (91б–б) Мухаммад-хандын, о Алла анын сырын ыйык кылсын, адал (жолго түшүшү тууралуу) баяны

Мухаммад хан Абд ар-Рашид хандын бешинчи баласы. Мухаммад хан өзүнүн бир тууганы Суфий-Султан менен жолугушмак үчүн Хотандан Кашгарга келди. Дал ушул убакта анын улуу даражалуулугу такыба (Хожа Исхак) Мавераннахрдан Кашгарга кайтты. Мухаммад хан улуу даражалуу такыбага кызмат кылуу үчүн келди. Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) хандан: «О, менин султаным, сиздин атыңыз ким?» – деп сурады. Хан: «Менин ысмым Мухаммад»,– деп сылык жооп берди. Улуу даражалуу такыба муну айтты: «Мен дайыма бул өлкөгө келишимдин сыры эмнеде деп ойлоп жүрчү элем. Мына эми мени (бул жакка) ушул султандын ысмы, сүйүүсү жана ниети алып келгендигине ынандым»[1]. Андан соң минтти: «Атам Мухаммад! Күткөн болбойт, аракет кылуу зарыл».

Мухаммад хан үйүнө келээр замат ойлоно баштап (өзүнчө мындай деди): «Мен улуу даражалуу такыбанын жолун жолдоочусу[2] болор элем, бирок мен (азырынча) буга али татыктуу эмесмин[3]. Бул милдетти мен аркалай аламбы же жокпу?»

Бул жагдай улуу даражалуу такыбага (Хожа Исхакка) маалым болуп, ал төмөнкү эки сап ырды жазып, анын жанында дайыма болчу суфий аркылуу (муну) берип жиберди:

(92а–б) Жүрөктүн алсыздыгы, жүзүңдүн кубалыгы  тууралуу ойлонбогун.

Ашык болгун, анткени сүйгөндөн келет  ар кыл жардам[4].

Эки сап ыр жетээр замат Мухаммад хан аргасыздан жылаңаяк, баш кийими жок дароо улуу даражалуу такыбага чуркап келип, анын мюриди болуп калды. Ханды толук тарбиялап, (Хожа Исхак) (аны жогорку) даражага жеткизип, ыйман жана кемтиксиздиктин жолуна (түшүүгө) даярдады.

Абд ал-Карим-хан өлөр замат, такка Мухаммад хан отуруп, улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) Мухаммад хан тууралуу кабардар болуп жүрдү. Хан болуп туруп күнү-түнү намаз окуп, орозо (тутат) деп айтышты. Улуу даражалуу такыба, «Мухаммад ханга айткыла, эгер ал мага (кудай ) акысы үчүн бир акыйкаттыкты берсе, мен алтымыш жыл бою (кудайы) намазга арнап, ыраазы болор элем» – деп буйрук берди. Мындан кийин хан адилет бийлик жүргүздү. Улуулар (эрлер) өкүмдарларды залимдиктен адилеттикке бурушту.

Мухаммад хан, о Алла анын ыйманын тазартсын, ажыга барууга ниет кылганын айтышты. Улемдер (буга) каршы чыгышты. Алар хан үчүн бир адам Меккедеги жайга зыярат жасаса, ошол жетиштүү деп айтышты. Хан ылайыктуу адамды таап (аны) ажылыкка жөнөтүүнү ойлонуп калды. Чабуш кыштагында // (926~б) Молдо Мурад аттуу адам бар эле. Ал кудайга ишенген, ак ниет, такыба адам болгон. Ал хан кантип билимдүү, такыба адамды табам деп ойлоп жаткандыгын укту. Ал хан менен жолугушуп, ажыга бармак максатында Молдо Мурад хан ата Чабуштан хандын сарайына келди. Таңкы намаздан кийин ал өзүнүн ою туурасында ханга билдирмек болду. (Бирок) таңкы намаз уланып, Куран окулуп жана месневи аяктагандан кийин ал өз оюн билдире электе, хан: – О Алла анын сырын касиеттесин! – Хажы Мурадга кайрылып, мындай деди: «О, Хажы Мурад сиз жакшыны ойлопсуз, тилегиңиз Кудайдын кулагына жетсин». Хажы Мурад, о ага (Алла) ырайым кылсын, ыйлап хандын бутуна жыгылып, анын жактоочусу болуп калды. Ошол күндөн тарта качан Хажы Мурадды улуу Меккеге жиберүү тууралуу чечим кабыл алынгандан баштап Молдо Мурад, Хажы Мурад[5] атыгып даңкы чыкты.

Хан, о Алла анын аныктыгын нурга бөлөсүн, Хажы Мурадга суюргал ыйгарды. Хажы Мурад хандан сегиз ра*ийат жер[6] сурады. Хан жардыкка кол коюп, (ага бул жерди) менчикке берди.

Хандын аркасы менен Хаджи Мурад эки ыйык шаардын (Мекке менен Медина) ажысы болуп, о ага (Алла) ырайым кылсын, (ажылыктан) кайра келди. Хан эскерилген ажыга (болгон) ырайымдуулук жана жакшылык көрсөттү.

// (93а–б) Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) Мухаммад хандын ыйман жолуна (түшүшүнө) жана аны бардык шакирттерине[7] (башчысы кылып) дайындоо тууралуу кат жазып, (аны) Самаркандга жөнөтүп, муну айтты: «Ким болсо дагы Мухаммад хандын ыйман жолуна (түшүшү тууралуу) ушул катты жеткизсе, хандын ордун басат».

Бул мезгилде улуу даражалуу такыбанын (Хожа Исхактын) халифа аталган алтымыш төрт орун басары бар эле. // (93б–б) Алардын ар бири Мухаммад хандын, о Алла анын сырын ардактасын, ыйман жолуна (түшкөндүгү жөнүндө) катты жеткизүүнү каалашты. Уштурхалифам, о ага (Алланын) ырайымы тийсин, ал убакта дагы шакирттердин катарына кирген эмес. Анын улуу даражалуулугу такыба (Хожа Исхак) муну сурады: «Такыбалар (хожалар) кимге окшошот?» Анын бардык шакирттери мындай жооп беришти: «Такыбалар жээксиз көлдөй». Улуу даражалуу такыба: «Андай болсо көл ойдуңга умтулат» – деп айтып, ал диван Уштур-халифамды чакырып, ага ыйман жолуна (кирген) катты тапшырып (жолго чыгууга) уруксат берди. Уштур-халифам анын улуу даражалуулугунан (Хожа Исхактан) чыгып, Кашгар жана Яркендге багыт алды. Уштур Халифам Мухаммад хандын, о Алла анын сырын ыйык кыла көр, ыйман жолуна (киргендиги тууралуу) катты алып келип аны халифтердин халифи кылды[8].

Улуу урматтуу хандын падышалык жана дербиштик касиет-белгиси болгон. Ал мюриддерди тарбиялап, (аларды) мыкты абалга жеткизди. Ал 72 жыл жашап, 18 жыл хандык кылды.

Мухаммад хан, о ага ырайым кылсын,– жашы ортолоп калганда // (94а–б) Мавераннахрдан (Яркендге) такыба хожа Шади-хожа келди.

Хан, о Алла анын аныктыгын нурга бөлөй көр, урматтап тосуп алыш үчүн Кук-Рабат-Лангарга[9] чыкты. Шадихожанын атынын эки тизгининен чукул кармап, ал (аны) Каракорумдан (шаарга чейин) жетелеп, шаарга киргизди.

Ал (ага) Санг менен Файзабадды[10] сыйлыкка берди.

Жакшылык ыроологон (хожалардын) чынжыр байланыштын ал Уштур-халифамга өткөзүп, (өзү) жалган дүйнөдөн, ырахат дүйнөгө көчтү, аны Алла өзү жакшыраак билет.

[1] Сүйлөм Тарих-и Кашгардын ( С 576-68а–б) нускасы боюнча которулду; В771 кол жазмада бир сөздүн жаңылыш жазылышынан анын мааниси түшүнүксүз.

[2] Сөзмө-сөз: «чындыкка бурулам».

[3] Сөзмө-сөз: «кичинекей».

[4] Ыр перс тилинде.

[5] Б.а. ошондон тарта ал «зыяратчы Мурад» атыкты.

[6] Текстте: туура  ордуна

[7] Текстте: хулафалар; Хожа Исхактын орун басарлары тууралуу сөз жүрүп атат.

[8] Текстте: халифа ал-хулафа.

[9] Тексттин мааниси түшүнүксүз; эгер биз которгонубуз туура болсо анда сөз Яркенддин батышындагы жер тууралуу жүрөт. – Кар.: Риттер К.Землеведение. – Б., 421.

[10] Файзабад – Кашгар аймагындагы шаар.

       Уштур-халифам жөнүндөгү, о Алла анын сырын нурга бөлөсүн, аңгемелердин бири

Белгилүү аңгемеде ал туурасында мындай деп айтылат: Уштур-халифам, о Алла ага ырайым көрсөтсүн, өзбектерден чыккан. Ал шыбаргандык бир дыйкандын уулу болуп, алардан ибн Йамин Сани[1] жарык дүйнөгө келген. Уштур-халифамдын, о Алла ага ырайым көрсөтсүн, атасы ибн Йамин бул дүйнө менен кош айтышкандан кийин (баласы) энесине жардам бере баштады. Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак) (Уштур)-Халифамдын туугандарынын үйүнө токтоду. (Уштур)-халифамдын энеси өзүнүн балдары менен улуу даражалуу такыбаны тосмок үчүн келишти.

(Уштур)-халифам, о Алла ага ырайым көрсөтсүн, улуу даражалуу такыбага (Хожа Исхакка) жан-алы калбай

берилип, ал энесинен бөлүнүп, улуу даражалууга кошулду. (Уштур)-халифамдын энеси өз уруулаштарына коргоп калгыла деген өтүнүч менен кайрылганда, аргымак минген 200дөн ашуун өзбек (Хожа Исхакка) келишип (балага болгон) доосун коюшту. Улуу даражалуу такыба (Уштур)-халифамды кошуп берди, //(946) энесинин бир туугандарына кошту. (Уштур)-халифамдын энеси аны алып (үйүнө) кайтты, бирок (Уштур)-халифам, о Алла сырын нурга бөлөсүн, кайрылганда, улуу даражалуу: «О, дивана! Бир жүрөккө бир дос керек» деди. (Ошондо Уштур-халифам) кайрадан энесинен бөлүнүп, улуу даражалуу такыбага кошулду. (Уштур)-халифамдын энеси жана анын урукташ туутандары мындай дешти: «Бул баланы Хожа диванага айландырды, эми андан пайда жок, аны Хожага берели». Алар муну айтышып, Уштурхалифамды улуу даражалуу Хожага (Исхакка) беришип, кайра тартышты.

Ушундан кийин Уштур-халифам өз ыктыяры менен ашканага[2] отун ташып, (Хожа Исхакка) үлгүлүү кызмат кылды. Ал жети жыл бою бир ичик кийип, жайда аны жүнүн сыртка (аңтарып) кийди деп айтышат.

Кудайдын эрки! (Хожа Исхакка) ушинтип кызмат кылып, ал көздөгөн максатына жетти.

Кашгардын, Яркендин тургундары Уштур-халифамга моюн сунбай коюшту деп айтышат. Халифам, о (Алла) ага ырайым кылсын, денесине даарат жасап сыйынып, кудайдан каалаганын кабыл болушун суранып (уктап кетти). Улуу даражалуу такыба (Хожа Исхак ал уйкуда экенде): «О дивана, казык барскандын урушу менен жерге кирет. Мобул пас адамдарды катуу ургун» – деп буйрук берди. Халифам уйкудан ойгонду. Мындан кийин кимде-ким ага кичинекей эле адепсиздик көрсөтсө, ал колунда дайыма кармап жүрчү чоң таягы менен урчу болду.// (95а–б) Ал адам жыгылып, эс-учун жоготуп өзүнө келгенден кийин туруп: «Кожом!» – деп, (анын) мюриди жана жан досу болуп калчу.

Хожа Убайдуллах Абд ал-Карим хандын вазири болгон. (Бул) хандын вазири Мухаммад-вали суфийдин мюриди, Мухаммад-Вали суфий (болсо), о (Алла) ага ырайым көрсөтсүн, Мухаммад-Шарифтин, о Алла анын сырын нурга бөлөсүн, орун басары болгон. Абд ал-Карим хан, о (Алла) анын бейитине нур чачсын, анын улуу даражалуулугу такыба (Хожа Исхак) менен араздашып (алардын) жолугушуусу болбой калды. Бардык эл хандын бул кылыгын анын везиринин (Хожа Убайдаллахтын) колунан келген иш деп баалашты. Улуу даражалуу такыба, о (Алла) ага ырайым кылып батасын берсин, мындай деди: «Хожа Убайдаллах сиз бизге урмат көрсөткөн жоксуз, убакыт келет, ошондо биздин диванабыз эшектин кепесин сенин алтын сарайыңа айлантат».

Кудайдын эрки! Мухаммад хандын убагында, о Алла анын сырын нурга бөлөсүн, (Уштур)-халифам улуу урматтуу Мухаммад ханга ыйман жолуна (түшкөндүгү тууралуу) кат жеткизди. Хан анын балдарын жана туугандарын Хотандан көчүрдү. (Уштур)-халифам улуу даражалуу Мухаммад ханга ыйман жолуна (түшкөндүгү тууралуу) кат тапшырып, Убайдаллахтын үйүнө токтоду.

Уштур-халифамдын, о (Алла) ага ырайым кылсын, эшеги болгон. Ал аны (эшекти) анын Убайдаллахтын дүкөнүнө[3] байлап, өзү болсо // (95б–б) анын сарайына жайгашты.

Абд ал-Карим хандын (башкаруу) мезгилинде анын шакирттери улуу даражалуу такыбага (Хожа Исхакка) өтүнүч менен кайрылышты: «Абд ал-Карим хан (Хожа Исхакты) тааныбайт; эгер (Хожа Исхак) (аны) ушундай кылып каргаса ал жоголуп, жер менен жексен болмок». Улуу даражалуу мындай деди: «Хан – адилет өкүмдар. Анын олуялыгы, пайгамбар (Мухаммад), о Алла ага батасын берип, ырайым кылсын, «Адамды урматтоо менен адилет өкүмдарга наалат айтуу бири-бирине дал келбейт» – деп үйрөткөн. Андан дагы бир падышаны окутуу менен адилет адамды жок кылуу мусулмандыкка жатпайт. Чыдап ыйык жана улуу кудайга бел байлагыла». Бүткүл устаттар жарым жан чымчыктай үстөмөнүнөн жыгылышты.

Уштур-халифам, о (Алла) ага ырайым кыла көр, өз вилайетинен өзүнүн чоң көлүгүн минип, колунда чоң таяк менен чыкчу.

Уштур-халифамдын адатынын (бири) бул болгон. Ал ошол көлүккө минип, жанагы таякты колуна алып жөнөгөндө, анын алдында жана артында жоон топ (жолун жолдоочулар) жүргөн. Ал кимди урса, эсинен танып жыгылып турганда: «Хожом»,– деп айтып, (анын) жан досу болуп калган.

Уштур-халифамдын, о Алла анын бейитин жыпар жытка бөлө, үч баласы болгон. (Анын жары) БүбиАфак-Бүбүмдүн эки хожа Сейид-Мухаммад-хожа жана Нур-Мухаммад-хожа деген уулдары бар эле. Анын ШирМухаммад-хожа деген дагы бир баласы болгон. Ал анын күңүнөн төрөлүп, Ширака-хожа деген ат менен белгилүү.

// (96а–б) Хожа Сейид-Мухаммад, о (Алла) ага ырайым кылсын, Хожасы-халифам деген ат менен белгилүү.

Нур-Мухаммад-хожа, Афак-хожанын (башкаруу) мезгилинде мырза Алишер-бек менен бирге кыргыздын колунан шейит кетип, Шахид-хожа деп атагы чыкты.

Уштур-халифам сексенге жете жашады. Такыба Шади-хожама, о, Алла анын сырын нурга бөлөп, Алла аны кечирсин, олуялык чынжырды табыштап, жалган дүйнөдөн, түбөлүк жайга көчтү.

Алла чындыкты жакшы билет.

[1] Котормо болжолдуу, балким, төмөндөгү өтө эле бурмаланган текстке туура келет:

[2] Текстте: шилан-хане.

[3] Текстте: дүкан-хане.

                                                 МАЖМУ АТ-ТАВАРИХ

Тажик тилиндеги «Мажму ат-Таварих» («Тарыхтар жыйнагы») XVI к. ферганалык молдо Сайф ад-Дин Аксикенди тарабынан жазылган. Анын эки нускадагы кол жазма көчүрмөсү өзгөчө белгилерине карата XVIII к. аягы – XIX к. I жарымына таандык. Биринчиси В 667 шифр менен ЛО ИВАНда, экинчи нускасы № 693 шифр менен Ленинград мамлекеттик университетинин китепканасынын Чыгыш бөлүмүндө сакталып турат. Кол жазмалардын мазмуну негизинен бирдей, географиялык, тарыхый жана болумуштуу инсандардын ысымдарынын жазылышында кана кээ бир айрымачылыктар бар. В 667 номурлуу кол жазма так жазылгандыктан, анын тексти бул жыйнакка киргизилген үзүндүлөргө негиз катары алынды. Ленинград мамлекеттик университетинин № 693 кол жазмасынын А.Т. Тагиржанов жарыкка чыгарган бөлүкт өрүнөн пайдаланылды[1]. Эскертүүлөрдө В 667 кол жазманын бул жыйнакка кирбей калган айрым бөлүктөр үн эске албаганда, Т белгиси коюлган үзүндүлөрдө түп нусканын беттери коюлган. В.А. Каллаур тарабынан В.В. Бартольдго жиберилген ЛО ИВАН В 667 кол жазма «Мажму ат-Таварих» чыгармасына 1899-ж. 11-мартта (эски стиль боюнча) Орус археологиялык коомунун Чыгыш бөлүмүнүн жыйынында В. В. Бартольд тарабынан мүнөз дөмө берилген. В.В. Бартольд кол жазма Наманган уездинин Ширкент кыштагында жашаган Жагды-хожого таандык экендигин эскерген. Чыгарманын автору Шах Аббас аалымдын улмлг Сейф ад-Дин Аксыкенди деген молдо болгон. Автор китепти аягына чейин бүтүрө алган эмес, эмгекти баласы Нур Мухаммад же Нооруз-Мухаммед[2] хиджра боюнча X кылымда (1494-95/ 1591–92) аягына чыгарган.

Чыгарманын мазмунуна В.В. Бартольд тарабынан төмөндөгүдөй кыскача мүнөздөмө берилген: «Китеп, негизинен, Касан (Ферганада) шаарынын шейхтеринин тарыхын камтыйт; шейхтердин турмушу укмуштуу түрдө, чындыктан алыс чагылдырылып, көптөгөн анахронизмдерге чырмалган, ошондуктан бул китептин мазмуну тарыхый мааниге ээ боло албайт»[3]. Арийне, «Мажму ат-Таварихтеги» фольклордук жана тарыхый этнографиялык маалыматтарга В.В. Бартольд анча маани берген эмес.

Мажму ат-Таварих – тарыхый фактылар менен уламыштар чиелештирилип берилген тарыхый-болумуштуу чыгарма. Фергананын, Теңир-Тоонун кыпчактары жана кыргыздарынын түрдүү мазмундагы санжыралары менен бирге, кыргыздардын башкы дастанынын тарыхын изилдөө боюнча мааниси зор, иликтөөчүлөр үчүн кенч болгон «Манас» эпосунан бир нече үзүндүлөр берилет[4]. Ошону менен бирге булак кыргыздар жана башка түрк тилдүү элдердин этнографиясы боюнча кызыктуу маалыматтарды камтыйт. Чыгарманын сюжеттик өзөгүн касандык жана ширкенттик шейхтердин жашоо турмушу, аларга байланышкан аскердик согуш окуялары, кыргыз уруу лары жөнүндө маалыматтар, санжыралар ж.б.у.с. түзөт.

Мажму ат-Таварихте согуш окуяларынын, аскер жортуулдарынын хронологиясын, шейхтердин, хандардын жана аскер башчыларынын жашаган мезгилдерин так көрсөтүлбөгөнүнө карабастан, уламыш формасында жазылган кыргыздардын XIV–ХVкк. тарыхынан кыйыр кабар берет (калмак чабуулуна каршы күрөш); ошондуктан бул кол жазма мурдатан илим айлампасына киргизилсе да бул окуяларды дурус кеңири чагылдырбаган булактарга салыштырмалуу баалуу маалыматтарды камтыйт.

Мажму ат-Таварихтеги «Манас» эпосунун тарыхына байланышкан тарыхый-этнографиялык маалыматтарды пайдалануу А.Т. Тагиржанов тарабынан 1959–60-ж.ж.чыгарманын университеттик нускасын талдоодон башт алган[5].

А.Т. Тагиржанов Мажму ат-Таварихтин университеттик нускасынан үзүндүлөрдү басып чыгарууда, аны кириш сөзү жана көрсөткүчтөр менен жабдып, чыгарманын жазылган мезгилин (чыгарманын бөлүктөрүндөгү «Манас» эпосунун эпизоддорунун камтыган бөлүгүнүн жазылыш мезгилин XVI к. биринчи чейреги деп аныктаган); булактын тилинин өзгөчөлүгүнө мүнөздөмө берген; бир катар мисалдардын негизинде ушул мезгилге чейин белгилүү болгон тажик тилдүү оболку жазма булак экендигин аныктаган[6].

Мажму ат-Таварихти тарыхый булак катары сын көз караш менен пайдаланууда бир катар кыйынчылыктар бар жана көпчүлүк учурда атайын иликтөөлөрдү талап кылат, анткени жогоруда белгиленгендей, мында тарыхый окуялар эпикалык дастандар жана оозеки уламыштар менен коштолгон[7]. Ошондон улам жыйнактын биринчи чыгарылышына кара кытайлардын чабуулу жөнүндө уламыштар жана кыргыз уруулары, 92 көчмөн («өзбек») уруулар жөнүндөгү тарыхый-этнографиялык бир нече фрагменттер кана киргизилди.

Булактагы чагылдырылган болмуштуу баяндардагы тарыхый-этнографиялык маалыматтар кыргыздардын өткөн доорлордогу уруулук курамынын, түзүлүшүнүн, кыргыздардын негизги канаттарынын келип чыгышындагы элдик түшүнүктү, айрым уруулардын тегинин өз ара жакындыгы ж.б.у.с маалыматтарды белгилүү бир деңгээлде чагылдырат. Бул маалыматтарды этнографтар тарабынан кыргыздардын уруулук курамын, түзүлүшүн мүнөз дөгөн, соңку мезгилдерде топтолгон айрым кыргыз урууларынын келип чыгышы тууралуу баяндаган санжыра ж.б.у.с булактар менен салыштырып иликтөөгө болот. Кара кытай жапырыгы, Фергана жана Теңир-Тоодогу аларга каршы күрөштү чагылдырган баяндарда кыймылды Ибрахим имам жетектегендиги, кыргыздардын оң жана сол канат уруулук бирикмелерин уюштургандыгы айтылат. Бул маалыматка жана анын тарыхына (1127-т) макул болуу кыйын, албетте, аны башка тарыхый булактар менен салыштырып тактоо зарыл; бирок уламыштагы баяндалган кыргыздардын Монгол мезгилине чейин эле Фергана жана Теңир-Тоо менен байланыштары тууралуу маалыматтарды тарыхчылар эске алышы зарыл. Кара кытайлар менен күрөшүн чагылдырган уламыштардын котормосунда Теңир-Тоонун тарыхый топонимиясын иликтөө үчүн кызыктуу маалыматтар арбын кездешет.

Токсон эки уруунун[8] тизмеси ар түркүн элдердин (тажик, түркмөн, гуздар ж.б) ислам динин кабыл алуусу менен байланышкан окуяларды чагылдырууда эскерилген. Уламышта гуздардан чыккан 92 адамдын Медина тарапка барып Мухаммед (с.а.с) пайгамбардын капырлар менен болгон согушуна катышышып, ыйык Шах-и Мардан аркылуу ислам динин кабыл алышканы айтылат. Болмуш боюнча так ошол 92 кишиден Илатийа деген лакап ат менен белгилүү болушкан «өзбек» уруулары тарайт имиш. Мажму ат-Таварихтеги чагылдырылган уруулардын бул тизмеси өзбек уруулары жөнүндөгү тизмелерден болуп саналса да ошону менен бирге толук изилдене элек тарыхый-этнографиялык материал болуп эсептелет[9].

Жыйнакка бул тизме менен катар, XIX к. таандык башка эки тизме да киргизилди. Анын бири ХIХ к. 60-ж. Ферганалык молдо Аваз-Мухаммад Аттардын «Тухват атТаварих-и хани» аттуу тарыхый чыгармасынан алынды. өзбек Чыгыш таануу институтундагы 4330.3 номурлуу экин чи кол жазма жыйнакка Д.Г. Вороновский тарабынан чын ниеттен сунуш этилгенин белгилегибиз келет. Бул кол жазма болжолу Бухарада жазылып, XIX к. аяк че нине таандык. Бул үч тизмеге кошумча иретинде С.М.Абр амзондун макулдугу боюнча 1955-ж. Ош областынын Совет районунда жашаган Закир Чормошевден (74 жашта) жазылып алынган тизме киргизилди. Закир Чормошев 92 уруунун аттарын өзүндө сакталып турган илгерки санжыралардан алган, ошондуктан С.М.Абрамз ондун маалыматын кыргызча айтылган вариант катары кароого болот.

Ар түрдүү варианттагы 92 уруунун тизмелениш катары да бир топ маанилүү, алар ар кайсы вариантта ар башкача катарда берилген. Ар бир вариант үстөмдүк кылган уруулардын аттарынан башталат, маселен, Н.В.Ханыковдун баянында биринчи орунду мангыттар ээлесе, кийинки үч вариантында – миңдер, С.М. Абрамзондун маалыматтарында – катагандар экендиги эскерилет. Ал эми калган уруулар да тизмеде ээлеген саясий абалына карата (генеалогиялык) жайгаштырылганын байкоого болот. Ошондон улам бардык тизмелердеги уруулардын жазылган тизмесине эч өзгөртүү киргизбей, анын кол жазмалардын түп нускаларында кезикпеген цифралык катары берилди.

Жазма булактар боюнча жарыяланып жаткан уруулардын үч башка тизмесине кошумча иретинде алардын окулушу (уруулардын аттарынын орус тарыхый жана этнографиялык адабияттардагы адаттагы жазылышы боюнча) жана түп нускалардагы жазылышы араб алфавиттери менен берилди; Мажму ат-Таварихтен алынган тизмеде (окулушунда айырмасы бар тегерек кашааларда) А.Т.Тагиржановдун басылмасы боюнча берилди.

[1] «Тарыхтар жыйнагы», «Маджму ат-Таварих».

[2] ЛГУ № 693 нускасында автордун уулунун аты – Нур-Мухаммед.

[3] ЗВОРАО. т. XII, VI б. «Заседание 11 марта 1899 г.». В. В. Бартольд ЛО ИВАН В 667 нускасын гана пайдаланып, Мажму ат-Таваршти. жаңылыш Жами ат-таварих деп эскерген.

[4] Бул эпизоддор кыргыз тилинде да белгилүү. Кар.: У. Мамытбеков. Э. Абдылдаев «Манас эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери».

[5] Мажму ат-Таварих «Манас» эпосу кыргыздардын этнографиясы боюнча булак катары багыт эмгектер тууралуу. кар: Жирмунский В. М. Новые материалы о киргизском эпосе «Манас», 152–155-б.б. Ромод ин В.А. Некоторые источники по истории Ферганы и Кокандского ханства (в. XVI– ХIХ вв.). рукописных собраниях Ленинград; Абрамзон С. М. Этнический состав киргизского населения Северной Киргизии, 10–11 б.б.

[6] «Тарыхтар жыйнагы» Мажму ат-Таварих. 12–22-б.б.

[7] Мунун өзү Мажму ат-Таварихти XVI к. «псевдо-тарыхый» чыгарма деп айтууга негиз болгон. ( В. М. Жирмунский. Народный героический эпос. 328-б.

[8] Бул тизмеге башка кол жазмалардагы сыяктуу эле түрк тектүү, түрк-монгол тектүү ар түркүн уруулар анын ичинде, маселен, «арабдар» кирет. Тизме өзбек урууларынын татаал курамын, Орто Азиядагы этникалык абалдын кеңири картинасын чагылдырат.

[9] 92 «көчмөн өзбек» уруулардын тизмеси алгачкы Н. Ханыковдун «Описание Бухарского ханства» 58-63-66 аттуу китебинде жарык көргөн. Насаб наме-йи Узбекийа аттуу китептен алынган. Бул тизмеде «өзбек» урууларынын аттары аталган (92 саны шарттуу эсеп болуп саналат).

   МАЖМУ АТ-ТАВАРИХТИН ҮЗҮНДҮЛӨРҮНҮН КОТОРМОСУ

                                                        I

// (36-6) Бул бөлүктө Хытай Гурханынын келиши жана Касанды басып алуусу баяндалат

Кара-кытай Гурханы Мачинден чыгып, Артышка[1] келип, калмак[2] менен Ысык-Көлгө чабарман жөнөттү. Дагы бирөөсүн (чабарман) болсо Камулга жиберди. Камулдан Чинга Кытай 200 миң кол менен, Көлдөн[3] –Ильман Калмак өзүнүн 10 миң калмагы менен келди. Гурхандын колу 400 миң кишиге жетти.

Артыштан чыгып (Гурхан), Өзгөнгө багыт алды. Арадан мезгил өтүп (ал) Өзгөнгө жетти. Өзгөндүн акими Камар-бек[4] шаардан чыгып, аскер менен согушка кирди. (Бирок) күч кетпей жатты; Камар-бек Минг-Жубаны көздөй кетти. Гурхан Өзгөндү талап-тоноп талкалаган соң, Минг-Жубаны көздөй бет алып, аны багынтып алды. Андуганды ээлеген соң, Касанды көздөй жөнөдү // (37-б). Касанды чагатай хандарынын тукумдарынан болгон Дува-хан бийлеп турган[5]. Гурхан Касанга жетти; Дува-хан бир күнү кечке чейин кармашты, күчү жетпей Ташкентти көздөй качты. Ошентип, Гурхан Касанды ээлеп алды.

Дува хан Ташкентке келди. Ташкентти Чагатай хандарынан чыккан Тули хан деген лакап аты бар Бартан хан башкарчу. Дува хан Тули ханга бардык көргөн-билгенин төкпөй-чачпай айтып берди. Бул кабарды уккан Тули хан чабарманын Хожентке жөнөттү; ал шаардын өкүмдары Бахрам-Жалаир аскерлерин жыйнады, Йасыга Ноорузтөрөнү алып келүү үчүн киши жиберди.

Гурхан Касандан чыгып, Жидгилге бет алды[6]. Жидгилдин башкаруучусу Чагатай хандарынан чыккан Алвас хан болгон. Жидгилде үч чоң шаар бар эле: Мургаб, Фургаб жана Дунгал. Алвас хан Тули ханга жөнөп, Жидгилде болгон окуяларды айтып берди.

Гурхан Мургаб, Фургаб жана Дунгалды багынтып алды. Гурхан Асбус Калмакты[7] Ташкентке элчи кылып дайындады. Асбус Калмак Ташкентке жетип, (Тули ханга) Гурхандын катын тапшырды. Тули хан Нооруз-төрө менен Бахрам Жалаирди чакырып, кеңешме өткөрдү, Гурханга элчи жөнөттү, // (38-б.) төрт жылга согушту токтотууну өтүндү. Ташкенттен жөнөтүлгөн элчилер Гурханга Тули хандын шарттарын түшүндүрүштү. Касанга кайтып келген Гурхан Тули ханга төрт жыл тынчтык берем деп убада берди, (андан соң) Тули хандын элчилери кайра тартышты.

Гурхан Минг-Жубута Чинга Кытайдын жетекчилиги астында 100 миң кол жөнөттү. Мургабды Илман Калмактын бийлигине берди. Кытайлар алты ирет багынткан Касанды Гурхан жетинчи ирет каратып алды.

[1] Артыш–Чыгыш Түркстандагы дарыянын жана жердин аты.

[2] Мында «калмак» термини өнөкөт катары мусулман эмес элдердин баарына карата айтылган (калмактар деп Гурхандын жоокерлери аталат). Ошондуктан орус транскрипциясындагы «калмык» термининин ордуна «калмак» сөзү колдонулду.

[3] «Көл» деген ат менен сыягы, Ысык-Көлдү аташкан.

[4] Текстте: хаким.

[5] Булактагы көп анахранизмдердин бири: Кара Кытай жапырыгы XII к. болгон, ал эми Чагатаиддер XIII к. монгол жапырыгынан соң пайда болгон.

[6] Текстте: Дж.дг.л. Кар: 206. Эскер: 30 жана 296, Эскер: 25.

[7] Сөзмө-сөз: «Элчи кылды».

                           Бул бөлүктө Тули хандын Султан Мухаммед

       Хорезмшахка[1] Дува хан башында турган элчилерди жөнөткөндүгү жөнүндө сөз болот

Тули хан баарын (өзүнүн жакындарын) жыйнап кеңешме өткөрдү. Султан Мухаммед Хорезмшахка Дува ханды элчи кылып дайындады, кат жазып (элчилерди) сапарга узатышты. Каттын мазмуну төмөндөгүдөй эле: «Биз баарыбыз сизге сунуш менен кайрылабыз. Эгерде сиз биздин сунушубузга макул болсоңуз, анда Багдад Халифине адам жөнөтүп, бизге пайгамбардын тукумунан (имам) сураңыз. Эгер ал[2] бизге жардам үчүн шарт түзбөсө, өлкөнүн адамдары өзү жөнүндө гана ойлонгондуктан, // (39-б.) алар ыйык согушту каалабай жатышат, динге коркунуч туулат! Султан Мухаммед Хорезмшах (өз) адамын Дува хан менен Багдадга жөнөшүнө буйрук берсин».

Дува-хан 50 киши менен Багдадга жөнөп кетти. Салт жүрүш менен Хорезмге жетип, Султан Мухаммад Хорезмшахтын кабыл алуусунда болду, Тули хан берген белекбечкектерди тартуу кылды. Султан Мухаммад Хорезмшах кайрылууну окуп чыккан соң, иш чатагына айланып баратканын түшүндү.

Султан Мухаммед Хорезмшах Дува хан менен өз кишисин Багдадга жөнөттү. Дува хан (Хорезмшахтын чабарманы менен) Багдадга карай багыт алды; салт жүрүш менен Багдадга жетип, Султан Мухаммед Хорезмшахтын катын тапшырышты.

Халиф кат менен таанышкан соң, имам Накини алып келүүгө буйрук берди, имамды алып келишти. Имам Наки халифтин күйөө баласы эле. Имам Мухаммед Наки Султан Хорезмшахтын катын окуп бүтүп, имам Ибрахим Малик Заранджишти чакырууга буйрук берген, мөөр басылган кат жөнөттү. // (40-б.) Андан соң халиф мөөр басып, миң адамды жөнөтүүгө уруксат берди. Ыйык имам Мухаммад Наки онунчу имам эле.

Имам Ибрагим кудайга жалынып жана анын жардамына ишенип, Багдаддан сапарга чыкты. Салт жүрүш менен аз түнөп, көп жүрүп, Ибрахим имам (жан-жөкөрл өрү менен) Хорезмге келип жетти. Имам Ибрагимдин алдынан тосуп чыккан султан Мухаммед Хорезмшах аны менен жүз көрүшүп таазим этти, анан алар Хорезмге кир ишти. Имам Ибрахимди такка олтургузуп, ага (Ибрагимге) өз кызын күйөөгө берди, бир жыл бою ага кам көрдү. Имам Ибрагим уулдуу болуп, атын Али деп ко юшту.

Андан соң имам (Ибрагим) Касанга жол жүрүүгө камына баштады. Султан Мухаммед Хорезмшах имам менен үч миң жоокерди жөнөтүүгө буйрук кылып, ак жол каалады. Ошентип, имам Хорезмден Касанга жөнөдү.

Имамдын аскерлеринин сардары Туркан хан Атабек Караджа, Салгурдун уулу, ал болсо Фа Селжуктун уулу, ал Атабек Нуштегиндин тукуму эле[3]. (Ал) жүз уруусунун жетелеринен болуп саналат. Бардык жүздөр // (41-б.) Атабек Караджадан келип чыгышат.

Имам Ибрахим өтө тез жүрүш менен Самаркандга жакындап келди. Самарканддын акими тосуп чыгып, меймандостук салтын аткарды, андан соң 10 миң кол берди. Имам Ибрахим Самарканддан тез жүрүш жасап, Ташкентке жакындап келгенде Тули хан жана Аргун хандар тосуп чыгышып, чогуу шаарга киришти.

Шахрукиядан[4] михтар Караман келди. Тули хан 10 миң кишиден турган кошунду Йасыга[5] жөнөткөн эле. Мусулмандардын колу 100 миңге жетти. Ташкенттен чыккан кол Хожентке бет алып, ага жакындады.

Бахрам Жалаир (Хоженттен) чыгып, имамды шаарга чакырды. Хожент тоолорунан[6] чыккан 40 гыздын тукумдары имам менен баарлашышты. Ана-л-хактын[7] балдары Лур-хан жана Лур-бузург имамдын алдына келишип, имам Жафар Садыктын[8] жашаган мезгилин чагылдырган мөөрдү көрсөтүштү. Имамдын мөөрүнө терең таазим эткен жана ыраазы болгон4 имам Ибрагим Лур-ханды оң канаттын сардары, Лур-бузургду сол канаттын[9] сардары кылып алды.

Тули хан, Ноуруз-тюрк, Бахрам Джалаир Ибрагим имамга чын ниетинен кошулушуп, ызаат кылып бирдикте Сохко жөнөштү. Сохтун өкүмдары Илйас Кисек эле. Ал бир миңдей киши менен тосуп чыгып ызаат кылды.

Андан кийин (исламдын жоокерлери) Аксыга жол тартышты, Аксыга жетип аны ээлеп алышты. Андан чыгып Гурхан ээлик кылып турган Касанга жөнөштү. Гурхандын 50 миң мискал салмактагы алтындан жасалган моло ташы бар эле. Ибрагим имам Касанга жеткенде Гурхан аскери менен бетме-бет чыгып, согушка камданды. Имам аскерин тизип, оң канатка Лур-ханда, сол канатка болсо Лур-Бузургду койду.

Жоокерлер кан майданга түшүшүп бир күн, бир түн согушушту, Гурхан курчоодо калды. Калмактар Гурханды алып, качып кутулушту.

Имам Касанды ээлеп, (аны) кайрадан ислам шаарына айландырды. Андан соң өз адамын (аскерлерди) Жидгилге жөнөттү: Мургаб, Фургаб жана Дунгалды басып алышты. Гурхан Миң-Жубага чегинип, Чинга (Хитайга) кошулду, кытайлардын аскерлерин алып Кытайга жөнөдү.

Имам Миң-Жубага аттанып, (ал аймакка) мусулман тартибин орнотту, Миң-Жубаны Лур-ханга, Андутанды // (43-б.) Лур-бузургга ыйгарды. Оң канат, Сол канат деген энчилүү аттарды берди. Кыркгыздарда оң жана сол канаттардын түзүлүшүнө[10] имам Ибрагим Султан Заранджиш себеп болду. Бул окуя имам Ибрагим Султан Заранджиш Касанды жеңип алганда 521-(1127-ж.) болуп өттү. Кыргыздар оболу Румдагы көчмөндөр эле[11]. Ахмад-бек Моголду бунчукка келүүсүн буюрушту, ошол Ахмад-бекке Ноорузтөрөнүн кызын, Дува хандын кызын Лур-бузургга, Бахрам Жалаирдин кызын Лур-ханга алып беришти. Андан соң 12 миң жоокерден башкасын таратып жиберишти.

Ошол мезгилде Касан шаарында 8 миң үй бар эле, шаарда тарчылыктан жашоого мүмкүн болбой калды. Имам адамдарды айлана-чөйрөгө жөнөтүп, жаңы шаар салуу үчүн ыңгайлуу жерди издеп жатышты. Имамдын кишилери шар аккан чоң суусу бар, булактары көп болгон Ширкент деген жерди жактырышты. (Көргөндөрүн) имамга айтып беришти. Ибрагим айткан жерди көрүп жактырды. Бир күнү кечке аң уулап, кереметтүү таза абасын жактырып калды.

Шаар тургузууга даярдык көрүшүп, ар тараптан: // (44-б.) Мургабдан, Миң-Жуба, Илатан-Уйгур, Чагатайдан баары болуп, аталган ар бир жерден 500дөй адамдарды айыл-айыл кылып жайгаштырышты, 14 айыл болуп калды: Мургаб, Кышлак-Абад, Гузан[12], Чар-Так, Пашмин, Йамчи, Уйгур-Көл, Букагыр(?)[13]**, Бал, Лаб, Чартур-Көл[14], Жубан (?)[15], Татар, Гузинан (?)[16].

Жаңы шаарга Ширкент деген ат берилди. Мургаб базар болду. Ширкентте имам Алини калтырышты, ал эми (Ибрагим) имам өзү Касанда дагы тогуз жыл жашап, элди ишкийага[17] чакырып, такыбалык жасап, кудайга сыйынып жүрдү.

Ал 96 жашка келгенде, керээз батасын берип жатып: «Ширкенттен имам Алини алып келгиле!» – деди. Али менен бирге Ана-л-хактын уулдары Лур-хан жана Лур-бузургду, Ахмед-бек Могол, Тули хандын уулу Сугай ханды (Тугдар хан деген лакап аты болгон), Бахрам Жалаирдин уулу Султан бекти, Атабектин уулу Кули-бекти, Каркар(а)-бектин уулу Төрө-бекти, Туркан-бектин уулу Али-бекти жана сардарлардын баарын ишарат кылган жерге алып келишти. Имам Алиге баары моюн сунгандыктарын билдиришип, анын шакирттери болуп калышты.

(Имам Ибрагимдин) ак түстүү мүйүздөн жасалган бунчуту бар болучу. (Ал) аны ак желек[18] менен ороп, (аны) Ахмад-бек Моголго ыйгарды. Имам Али аны өзүнүн ордуна дайындады[19]. // (Кол жазм. В.667, б. 35а. ) Имам Муса Ризадан чалма (селде – М. К. ) мурас калган эле, имам Ибрагим (аны) имам Алинин башына кийгизди.

Мюриддери жана өзүнө ынанган кызматкерлери үчүн дубасын окуп, (имам Ибрагим) рамазан айынын 27-күнүндө, хиджра боюнча 530-жылы (1136-ж. 29-июнь) аркы дүйнөгө жөнөп кетти. Анын сөөгүн Касанга коюшту.

[1] Т. Басылмада: Махмудга. Мындан ары Т басылмасында бардык жерде: Султан Махмуд хорезмшах. ЛО ИВАНдын Султан Мухаммед хорезмшах (орусча котормолордо ушундай тартип кабыл алынган).

[2] Б.а. Багдад халифи.

[3] Т: басылмада: Атабектин уулу, Нуштегиндин уулу.

[4] Шахрухийа – Тимурдун кайра куруу учурундагы шаарга коюлган ат. Монгол басып алуулары учурундагы талкаланган Бенакет жергесинде жайгашкан. (Бартольд В. В. Туркестан… 226-б.

[5] Йасы ашуусунун аймагындагы жер жөнүндө сөз болуп жатышы мүмкүн. Мында өзгөндөн Ат-Башыга кеткен жол болгон. (Бартольд В.В.

Туркестан…, 213-б.)

[6] Мажму ат-Таварихте ( 34–36-бб. Т. басымы боюнча) Өзгөн шаарынын башчысы султан Санжар тарабынан кырылган гуздардан калган 40 гуздан кыргыздар тарайт. Бул 40 гуз Хожент талааларына качышып жашынышат. Алардан кыргыз келип чыгат имиш. Өзгөн тоолоруна дастан боюнча ( Мажму ат-Таварихте) гуздар Чыгыш Түркстандан келишкен. Алар Кашмир аркылуу батыштан, Аравиядан жана Румдан.

[7] Ана-л-хакк – кыргыздардын легендарлуу түпкү бабасынын аты (202, 208–209-бб. кара). Бул ат Багдадда өлүм жазасына тартылган ал-Халлаж ( 858–922) менен байланышкан суфий сөзү.

[8] Текстте: мухр-и Таварихи Имам Жафар Садик. 4 Текстте: таваф карда.

[9] Текстте: Тараф, «тарап», «канат», «жак» деген маанилерде.

[10] «Киркгизра унк сул карданд» деген сүйлөм Т. басылмасында жок.

[11] Санжыра боюнча бул кыргыздардын бабалары мурда Румда жашаган көчмөн болушкан. (Ушул басылмадагы эскертүүнү караңыз).

[12] Текстте: Г. зан- Гузан, Гузан же Газан(?).

[13] Т: басылмасында Б. Каг.р окулушу так эмес.

[14] Текстте: Дж.р. тур. кул. Кыргызстандагы Чатыр-Көл көлүнүн аты менен салыштырыңыз.

[15] Текстте: Хубан Т.: басымында Жубан, мүмкүн Жуйан болуп окулат.

[16] Текстте: К. з.нан.

[17] Ишкийа – Накшбандия-хожаган орденинин бир тарамы.

[18] Текстте: «йалав» тажик тилине кирген түрктөрдүн «согуш асабасы», «белги» деген сөзү.

[19] Тагиржановдун басылмасы боюнча чыгарылган ЛГУнун кол жазмасынын фрагменттеринин тексти дал ушул жерден аттап кеткен (23а барагынан 296 барагына чейин).

                                                                   II

     Сейид Мир Жалилдин рухий колдоосун кабыл алгандардын тизмеси[1]

//(112-б.) Алгач Куландан өзүнүн жети уулу менен келген Ак-Тимур Кыпчак рухий жаңылануунун жолуна түштү. (Анын) балдарынын аттары: Даулати-Йар, ХудаЙар, Берды, Али-Йар, Муса-Йар, Иса-Йар, Туле-Йар. (Алар) Маулана А*замды устаты катары таанышты. Жети бир туутан маңдайында кашкасы бар ак боз аргымактар менен жолго чыгышчу[2]. Согуштук беттешүүлөрдө жети бир туутан бирге кармашчу. Ушул себептен алар Йети кашка[3] деп аталып калышты. Йети кашка жана Кар(а) каранын теги бир.

Андан соң Ак Огул эки уулу Отуз Огул жана Салусбек Бул(а)гачи менен рухий жаңылануунун жолуна түшүп, кыйышпас экендигин билдирди. Андан соң (Мир Жалилди) өзүнүн устаты катары таанып Бул(а)гачинин уулдары: Бостон, Теит, Жоо Кисек, Дөөлөс, Хыдыр-шах[4], Кангды анын жолун жолдоочулары болуп калышты. Андан соң (Мир Жалилди) өздөрүнүн устаты катары таанышкан Отуз Огулдун уулдары: Адине[5], Мунгкуш, Кара Багыш, Тагай жолун жолдоочулары болуп калышканын билдиришти. Ку Огул жана анын алты уулу: Басыз, Лалым Кушчу, Ай баш Мундуз, Чоң Багыш, Сару(у), Сунджек Хытай келишип, анын жолун жолдоочулары болуп калышты.

[1] Сейид Мир Жалил – Ширкенттик шейхтерден болгон. Имам Ибрахимдин тукуму, атасы Жалал ад-Дин өлгөндөн соң ишкийа орденин жетектеп калган.

[2] Текстте: асп-и кабуд кашка.

[3] Жети-кашка – «жети башчы», «жети аскер башчысы», «жети уруунун башчысы» ж.б. «Кашка» термини түрк тилдеринен келип чыгып, Тянь-Шань кыргыздарына кенири тараган, алар XVI к. бектерин «кашка» деп аташкан (Бартольд В. В. Кыргыздар-512-б.). Термин «Манаста» кездешет, жунгарларда (калмактарда) да кездешет (ушул басылманын эскерүүсүн караңыз). Энесайлык кыргыздарда «кашка» термини менен XVIII к. Уруу жетекчилери аталганын орус булактары ырастайт. ( Козьмин Н. Н. Хакастар – 39-б.).

[4] Хыдыр-шах – Кыргыздын кыдырша уруусунун жетекчиси.

[5] Адине – кыргыздын адигине уруусунун жетекчиси.

                                                                             III

Бул бөлүмдө Ак Огул жана Ку Огулдун теги[1] жөнүндө баяндалат

Ак Огул ибн Боз Оглан ибн Көктемиш ибн Долон ибн Дамбур[2] ибн Гази-бий ибн Сара-бий ибн Сангин бий ибн Кафланг-бий ибн Шукур-бий ибн Мары-бий ибн Теминбий ибн Арслан-бий ибн Темиш-бий ибн Шахфур-бий ибн Кули-бий ибн Арсланг-бий ибн Гуз-хан ибн Лур-хан ибн Ана-л-хакк.

Ку Огул Солдун келип чыгышы[3]: Ку Огул ибн Сар(ы) Буга-бий ибн Лаклак-бий ибн Атан-бий ибн Абул-бий ибн Кувай-бий ибн Кункайды-бий ибн На*аш (?) ибн Кенже Мурад ибн Бай-Мухаммад ибн Сары-Мухаммад ибн Сүйүндүк-бий ибн Назар-бий Жарам-бай ибн Михран ибн Нури ибн Кемин-бий ибн Дарвиш-бий ибн Му*нин-бий ибн. . .-бий[4] ибн Доуле-бий ибн Гузз ад-Дин Кылыч ибн Лур-бузург ибн Ана-л-хакк.

Андан соң Кутлут-бузург келип (рухий тазаруунун жолуна) түштү. Арадан бир аз убакыт өткөн соң Дивана эмир молдо Са*датты Өзгөндөн алып, Ширкентке жөнөдү.

[1] В 667 тизмеде.

[2] В 667 кол жазма боюнча; Т. басылмасында: Дамбул-бий.

[3] Ку Огул сол (канат).

[4] Эки нускада да аты так жазылган эмес.

                                                                                       IV.

(Мир Жалилдин кыргыздардын уруу башчыларына коноко баргандыгы туурасында баян[1])

//(Кол жазм. В. 667, Б. 133а) Сейид (Мир Жалил) Ширкентке келди, атасы улуу Сейид Жалал ад-Диндин күмбөзүнө зыярат жасады, Курандын баарын окуп чыкты, атасынын рухуна курман чалды.

Бир нече күндөн кийин Көк-Кыядан Тагай келип, конокко (Мир Жалилди) чакырды, анын келип кетүүсүн өтүнүп суранды. Макулдугун алган соң, (алар) Ширкенттен жолго чыгышты.

Болжогон жерге жеткенде Йети Кашка, Ак Тимур-бахадур жана Даулат-Йарлар тосуп чыгышып, түн киргенче чын көңүлдөрүнөн конок кылышты, эмне зарыл болсо (Мир Жалилдин) каалоосу боюнча жасалды.

//(б. 1336) Андан соң, аттарын минип Салус-бек Бул(а)гачинин жергесине жетип келишти. Алты уулу менен бирге кызмат жасап жаткан Бул(а)гачи бата берүүсүн өтүндү. Ыйык Мир Жалил Маулана А*зам Бул(а)гачинин уулдарына ырайымдуулук менен тиктеп бата берди. Алар алты уруу эл болуп калышты: бостон, теит, жоо кисек, дөөлөс, хыдыршах, кангды.

Бул(а)гачинин үйүнөн чыккан соң, алар Отуз Огулдун жергесине келишип, Тагай-бахадурдун үйүнө түшүштү. Отуз Огулдун уулдары – Адине, Мункуш, Кара Багыш (жана) Тагай-бахадур мол сый-тамак уюштурушту[2].

Тагай-бахадур алты уулун ыйык Мир Жалилдин бутуна жыгып, аларга бата берүүсүн өтүндү. Сейид аларга ырайымдуулук жасап, бата берди; Тагай-бахадурдун Кулан[3] Гылжыр, Богостон, Кара Чоро, Саяк, Дөөлөс //(б. 134а) деген алты уулуна алты уруу келип чыкты: Куландан йадгар (уруусу)[4], Гылжырдан бугу (уруусу)[5], Богостондон солто (уруусу)[6], Кара Чородон. . [7], саяк келип чыкты.

Тагайдын үйүнөн чыгып, Ку Огул жашаган жерге жетишти. Ку Огул алты уулу менен келип, бата берүүнү суранды. Ку Огулдун уулдары – Басыз, Кушчу, Мундуз, Чоң Багыш, Сару(у) (жана) Сунджек Хытай-бахадурлар Лалым Кушчунун үйүнө киришти. Бүркүтчү, Кепекчи (жан а), Кушчу кызмат кылып жатышты. Мир Жалил өз батасын бергенден соң, Ку Огулдан тараган алты уруу болуп калды.

Лалым Кушчунун үйүнөн чыккандан кийин (Мир Жалил) Өзгөн тарапка бет алды. Өзгөндө он күн туруп, Андутанга аттанды. Ал жерге келген соң, Бура хандын үйүнө токтоду. Андутанда болгон бир айдын ичинде көптөгөн адамдар (ага) келишти.

[1] Кыргыздын келип чыгышы, алардын таралышы, өз ара этникалык жакындыгы жөнүндөгү бул санжыра Мажму ат-Таварихте сейид мир Жалил менен байланышкан окуяларда баяндалат.

[2] Текстте: зийафат бишумар кард.

[3] Текстте: кулан ( Койлон). Кийинки мезгилдерде кыргыздардын арасынан этнографтар тарабынан жазылып алынган санжыралардаКойлон.

[4] Текстте: йадгар, б.а., кыргыздардын жедигер ушул басылманын эскертүүсүн караңыз: уруусу.

[5] Текстте: буги, б.а. кыргыздардын бугу уруусу.

[6] Текстте: султа, б.а. кыргыздын солто уруусу.

[7] Кара Чородон кийин текстте бир канча сөз бүдөмүк жазылган.

                                                                           V

(Мир Жалилге келишкен уруу башчылары жана алардын ысымдары[1].)

// (л. 140а) Тагай-бахадурдун уулдары Койлон[2], Гылжыр, Богостон, Дөөлөс, Кара Чоро келишти. Йети Кашка, Даулати-Йар, Салус-бек Бул(а)гачи, Ку Огул уулдары менен Сунжек Хытай келишти. Кочкордон Шир-БахрамЧагатай (Бахрам Тигзандын уулу), Каризден болсо Марал-бахадур, Дане-бахадур, Шумур-бий, Кара-пахлаван келишти. Алардан соң, Пянждан Кули сурам, Чунсизден[3] Алаб-бахадур, ал эми Ахсикеттен шахзада Ша(х)рухту алып келишти.

[1] Бул баяндан мурда Сейид Мир Жалил өз мюриддерине чабармандарын жөнөтүп, алдырып келген адамдар тууралуу сөз болот. Ал жогоруда аталган кыргыз уруу башчыларынын ысымдары менен башталып, ханзада Шахрухтун ысымы менен аяктайт.

[2] Куйлун – Койлон. Кулан топоними да бар.

[3] Текстте окулушу бүдөмүк.

                                                             VI

Моголдордун-Ахмед моголдун бабаларынын санжырасы[1].

// (л. 1546) Моголдордун бабалары: Ана-л-хактан Лурхан, андан (Лур-хандан) Гуз-хан, андан (Гуз-хандан) Арсланбий, андан Ахмад-бек, андан Кули-бий, андан Турды-бий, андан Ак-Тут (Онг-хан деген атка конгон), андан Мары-бий, андан Доуле-бий, андан Атан-бий, андан Кул-Жугач-төрө, андан Инга-төрө, Бай-Мурад Черик келип чыгат.

Инга-төрөнүн (эки уулу) Ахмед-бек жана Мухаммедбек (Көк Буга деген атка конгон) деген уулдары болгон, андан (Ахмед-бектен) Лаклак-бий туулган, Көк-Бугадан Мирак төрөлөт. Андан (Мирактан) Хожо Мурад-Ата, андан Атам-Тай, андан Кувай, андан Кункаш, андан Наакаш (?), андан Тува-бий, андан Коп-Суйак(?), андан (Коп-Суйактан) Сейит-Гази туулган.

//(л. 155 а) Анын (Сейит-газинин) Кувай-Буваке Дават-бай аттуу уулу болгон. Бай Моголдун бабалары Атанбийдин Чолок-Тукиме (?) Кире деген бир уулунан тарайт.

Атан-бийдин бир уулунан Сокы (келип чыгат). Лаклак-бийден-Абажат туулат. Буга бийден Келегей Суйри Баш туулган. Буга бийдин бир уулунан Ульжа Кабу-Жан (?) туулган.

Моголдордун баары тең эмир Хасандын аягына жыгылып таазим этишти, өтө терең урмат-сыйдын коштоосу менен узатып чыгышты. Сейид Мухаммед Маулана Кази эмирдин уулу ыйык Хасан эмир Могол тоодон аттанып, Касанды көздөй бет алды.

[1] Кар: В. В. Бартольд, Отчет о командировке в Туркестан, 336-б.

Токсон эки уруунун тизмесине толуктоо (С. М. Абрамзондун жазганынан)

Закир Чормошев, ин (теги адигиненин бөрү уруу сунан) айтып берген санжырасы боюнча хиджранын 582-ж. (1186–87-ж.ж.)[1] 57 Мухаммед пайгамбардын жеңиши менен аяктаган согуш болгон. Ага (пайгамбарга) мурда өз энчилүү аты, жетекчиси жок бытыранды жашаган уруулар жеңишке жетүүгө жардам беришти. Аларга өзбектер деген ат ыйгарды. Алар 92 киши эле. Абубакыр Садыктын тукумдарыбыз деп эсептей башташты, алардын баарысынын чоң атасы кыпчак болгон. Абубакыр Садыктын тукумдары (төглөндөн жогору карай) төмөнкүлөр: Мухаммед-Суля Уалят-Сумбан Кайнар-Абдыкайыр-Султан Сапаа-султан Жалал ад-Дин-Султан Махмуд-Талаш Бува-Салиакпа.

Салиакпанын 13 аялынан 92 бала төрөлүп, алар орток мал багуу менен күн көрүшчү. Күндөрдүн биринде кеңеш курушуп, малды бөлүп, аларга эн тамгаларды салууну чечишет. Мухаммеддин эмири боюнча алар өз энчилүү аттарын алышты (Закир Чормошев С. М. Абрамзонго өзүндө сакталып турган эски санжыра кол жазмадан окуп берген): катакан; жүз; миң; кырк; оңкой; чит; жалайыр; сарай; коңурат; алчын; аргын; айман; кыпчак; чакмак; адак (азак); калдык; тоодак; буллак; шымырчык; катаган; калтабий; кунакаш; бойрок; ойрот; кыят; кытай; кангелди; чоплачи; кошчу (кушчу); буланчы; чувут; чит; жыйыл; буят; уят; арлай (адылай); кыйрат; оңкот; тангут; мангыт; мангыт; чарчут (чалчут); мит; меркит; буркут; кият; курлас; окулат; кыдый; арап; ылаачы; чубурган; кыштык; кийрат (килят); түркмөн; дурман; табан; там; рамлам (рамнан); мойтон; ойшон; бирия; апыз (апыл); казак; кыргыз; мундуз; кутчу; ойчу; жуурат; бадай; татар; табаш; чыкыр; сулдуз; тубай; кылдый; кирдираи (кылдырай); сактан; кыргын (кырчын); ширин; углам (оглан); куллат (курлат); жыглак; чынабай; чилкас; уйгур; ачар (агар); таргыл; турукай; кычыт; маджар; кожолук; сооран.

[1] Мажму ат-Таварихте моголдордун санжырасы Ахмед Моголдун Касанды басып алып, анын жашоочуларын туткундап кеткендиги кошо баяндалат. Эмир Хасандын аракети менен алар бошотулган. Хожент тоолорундагы Ахмад могол бул кылыктары үчүн өзүн өтө күнөөлүү сезип, Эмир Хасанга жана касандык сейиддерге өзүнүн ата-тегин «тарыхий китептер» боюнча түшүндүрүп берди. Бул санжыра жогоруда келтирилген Ак Огулдун генеологиясы менен көбүн эсе дал келет.

                                                  ТАРИХ-И КАШГАР

ЛО ИВАНда уйгур тилинде Кашгардын тарыхы жөнүндө жазылган Тарих-и Кашгар аттуу автору белгисиз чыгарманын үч нускасы сакталып турат. Бул чыгарманын үзүндүлөрүнүн котормосунун негизи катары С 576 деген нускасы алынды.

С 576 номерлүү нуска Азия музейи үчүн 1802-ж. Ташкенттен В. В. Бартольд тарабынан сатып алынган[1].

Кол жазманын айрым өзгөчөлүктөрүнө караганда Чыгыш Түркстанда көчүрүлүп жазылган. С 577 нускасы (Н.Ф.Петровскийдин коллекциясынан келип түшкөн) да Чыгыш Түркстанда жазылгандыгы байкалып турат[2]. Ал эми В 2472 нускасы, сыягы, Орто Азияда жазылган.

ЛО ИВАНдагы үч нусканын тең мазмуну окшош. Бирок бул нускаларда ар биринде айрым сүйлөмдөргө толуктоо, айрым жерлеринде сөздөрдүн түшүп калгандыгы байкалат. В 2472 нускада көчүргөн адам тарабынан айрым эскертүүлөр жазылган жана жашыл сыя менен бейтааныш адам тарабынан кошумчалар киргизилген.

С 577 жана В 2472 нускаларда котормону тактоо максатында географиялык аталыштар, айрым тарыхый инсандардын аттарына тактоо үчүн колдонулду. Бул жагдайдан алганда географиялык аталыштар жана ар түрдүү терминдер так жазылган. В 2472 нуска котормодо негиз катары алынган с 576 нускадан пайдалуу болду.

Бизге белгилүү нускалардагы чыгармалардын аттары болбогондуктан, анын мазмунуна карата берилген Тарих-и Кашгар («Кашкар тарыхы») деген ат шарттуу берилди.

Мындан сырткары, аталган нускаларда чыгарманын автору жөнүндө, анын жазылган мезгили тууралуу маалыматтар жок.

Эмгектин жазылган мезгилин кыйыр маалыматтар менен гана аныктоого болот. Эмгектин акыркы бөлүгүндө Ак-Баш хан (ХVII кылымдын аягы) деген ылакап аты бар Мухаммад-Мумин-султан жөнүндө баян айтылат. Кол жазма кыргыздардын Яркендге жасаган чабуулунун мизин ийгиликтүү майтарган, аты аталган хандын замандашыМирза Шах-Алем-бекти даңктоо менен аяктайт. Автордун мирза Шах-Алем-бекти көкөлөтө мактоосу жана ага узун өмүр, бактылуу турмуш каалоосунан улам чыгарм анын жазылган мезгилин XVII к. аягы – XVIII к. баш чен дери катары болжоого болот. Автордун Яркенддин тургуну экендигин чыгарманын аягында шаардын башкаруучусун көкөлөтө даңктап жазганынан байкоого болору шексиз. Ошону менен бирге Яркендге кожонун келишин кошаматчылык менен белгилеп, //(б. 1036) анын мир за ШахАлем-бектин оң колу болуп калгандыгын жазат.

В. В. Бартольд аталган чыгарманын баалуу тарыхый эстелик экендигин, Кашгардын тарыхын чагылдырган башка булактарга толуктоо болорун белгилеген. Эстеликтин мазмуну менен таанышып чыккан соң, В.В. Бартольд төмөндөгүдөй мүнөздөмө берет: «Бул чыгарма түрктөрдүн санжыралуу тарыхын (Нух жана Яфестен баштап), Чынгыз-хан жана анын тукумдарынын, Кашкар хандыгынын XVIII к. башына чейинки тарыхын камтыйт»[3]. В.В.Бартольд чыгарманын оригиналдуу бөлүгүнө кыскача баяндоо жазган[4].

Тарих-и Кашгарды мурдагы белгилүү булактардын негизинде жазылган компилятивдүү биринчи бөлүгүнө Муххамад Хайдардын «Тарихи Рашиди» чыгармасы негизги ролду ойногонун андагы берилген шилтемелерден байкоого болот (Кар: мис, б. 366, 37а ж.б). В.В. Бартольддун белгилөөсү боюнча Мухаммед Хайдардын чыгармасынан башка булак катары Тарих-и Хорезми эскерилет (Кар: 6. 486). Чынында эле, компилятивдүү бөлүктө авторлору белгисиз бир катар тарыхый чыгармаларта шилтемелер берилген.

А.З. Валидовдун айтымында Тарих-и Кашгардын автору булак катары Махмуд Чурастын чыгармасын да пайдаланган3.

Тарих-и Кашгарда башка чыгармалардын авторлору көрсөткөндөй эмгектин жаралышы, аны жазуунун себептерине түрткү берген баянын чагылдырган кириш сөзү жок. Чыгарма Алланы жана Мухаммед пайгамбарды даңктаган ырлар менен башталат. Андан соң түрктөрдүн санжыралуу тарыхы (бб 2а-96) баяндалган. Андан кийинки көлөмдүү бөлүгү Чынгыз хан, уулдары жана анын жакын урпактарына арналат. Абу Бакрдын бийлигин тааныган, 920/ 1514-ж. Кашгарды каратып алган Туглук Тимурдун урпагы Султан-Сейид хан жөнүндө баян кийинк и бөлүгүндө айтылат. Дал ушул мезгилден тартып кашкарлык хандардын династиясынын тарыхы башталган. Биз тараптан негиз катары кабыл алынган нусканын 37а-586 барактары Туглук-Тимур хандын (1348-ж.) такка олтурганынан тартып, Султан-Сейид хандын Кашгарды каратып алуусуна чейинки мезгилди кучагына камтыйт. Султан-Сейид хандан соң, такка уулу Абд ар-Рашид хан (1533–1559/60) отурган. Чыгарманын андан соңку мазмуну В. В. Бартольд тарабынан сыпатталганы ырас[5].

Тарих-и Кашгар кыргыздардын XVI–XVII кк. тарыхы боюнча баалуу жазма булак экендиги талашсыз. В.В. Бартольд өз изилдөөсүндө аталган булакка көп ирет кайрылганы чындык[6]. Арийне, чыгарма В. В. Бартольд («Отчет о командировке в Туркестан» мазмунуна караганда) Кашгардын тарыхы боюнча булак катары кана кызыктыргандыктан, андагы кыргыздар тууралуу маалыматтар толук пайдаланылган эмес. Тарих-и Кашгардын бөлүмдөрүн сыпаттоодо кыргыздар менен байланышкан тарыхый окуя лар аз эскерилет. Мисалы, В. В. Бартольд төмөндөгүдөй жазат: «Абдаллахтын башкарган доорунда кыргыздар жана калмактар катышкан болгон ич ара күрөштү эске албаганда, сыртка жортуул жүргүзүлгөн эмес»[7]. Чындыгында эле, Тарих-и Кашгарда Абдаллах хандын аскерлери менен кыргыздардын кагылышуусу кенен баяндалган; мындан сырткары географиялык аттар, кыргыз аскер башчыларынын ысымдары ж.б.у.с. арбын чагылдырылган (С 576 нуска, бб. 936-94а, 97а)

Чыгарманын сонку бөлүгүнөн кыргыздар менен түз байланышкан жана кыргыздардын тарыхы үчүн маанилүү үзүндүлөр алынып которулду.

[1] Бул тизме тууралуу ( 590. № 11) Н. Ф. Петровскийдин коллекциясын кар: К. Залеман. Мусульманские рукописи, вновь наступившие в Азиятский музей. 1909–1910-жж. 252-б. Учурда Тарих-и Кашгардын ЛО ИВАНда сакталып турган үч нускасы тең жарыяланган (Кар: Мугинов А.М. Описание уйгурских рукописей института народов Азии. – 38–39 б. № 38–40) Тарих-и кашгар чыгармасы тууралуу кар: «Материалы по истории казакских ханств XV–XVIII веков (извлечение из персидских и тюркских сочинений»), Алма-Ата, 1969. – 398–418-б.

[2] Бартольд В. В. Отчет о командировке в Туркестан. – 236-б.

[3] В.В. Бартольд. Отчет о командировке в Туркестан, 2366. Ошол эле жерде. – 237–255-б.б.

[4] Валидов А. З. Восточные рукописи в Ферганской области. – 319-б. 3 Кар: В.В.Бартольд. Отчет о командировке в Туркестан, 237-255-б.б.

[5] Кар: В. В. Бартольд. Киргизы 516–519-бб.

[6] В. В. Бартольд. Отчет о командировке в Туркестан, 247-б.

[7] Жогоруда Буйурук хан наймандардын башчысы болгон Тайан хандын кичүү иниси болгондугу айтылат.

ТАРИХ-И КАШГАРДАН АЛЫНГАН ҮЗҮНДҮЛӨРДҮН КОТОРМОСУ

                                                                    I

(Чынгыз хандын жортуулдарына байланыштуу кыргыздар жөнүндө окуялардын баяны)

(л. 13а) Чынгыз хан Буйурук хандын ээлигиндеги бардык урууларды жана жерлерди каратып алды[1]. Тукабек-мекрит Тайан хандын уулу Кушлукту көздөй качып, Артышка жакын жерге байыр алып калды. Чынгыз хан Тука-бек-мекритке жана Кушлук-найманга каршы жортуулга чыкты. Ошол эле мезгилде кыргыз аскер башчылары Чынгыз ханга элчи жиберип[2], (ага) моюн сунгандыктарын билдиришти. Алар (Чынгыз ханга) ак шумкар тартуу кылышып, көптөгөн сейрек кездешүүчү буюмдарды жөнөтүштү. Чынгыз хан ырайымдуулук менен кыргыз элчилерин кабыл алып, аларды кайра жөнөттү. (Андан соң) ал Артышты жердеген ойрот уруусуна келди. Ойрот уруусунун жетекчиси Тука-бек көп сандаган белектерди кабыл алып, ханды тосуп алды. Чынгыз хандын жол көрсөтүүчүсү болгондон кийин ал, Тука-бек-мекрит жана Кушлуктун ордосуна алып барды. Ырайымсыз согуш болуп өттү. Тука-бек курман болду Кушлук качып кетти[3].

Чынгыз хан Тука-бек жана Кушлуктун ээликтерин өзүнө баш ийдирди…

[1] Текстте: эмирлер.

[2] 1208-ж. Күчлүк жетектеген наймандар, Тухта-бекти жетектеген меркиттер Иртыштын боюнда Чынгыз-хан тарабынан толук талкаланган. Кар: Бартольд В. В. Туркестан. – 426-б (автордун эскертүүсү).

[3] 1503/04-ж.

                                                II

// (б. 526) Султан-Сейид хан өзүнүн кичүү иниси

Султан-Халил-султанды кыргыздын ханы деп жарыялады[1].

(Султан-Халил-Султан) улуу агасы Мансур хандын кол салуусунан Анжияндагы Жаны-бекти көздөй качкан бирок аны жолдон Султан-Сейид-Мухаммад Мырза жана Султан-Али-Мирза (Мансур хан тарабынан жөнөтүлгөн дөр) колго түшүрүшүп, Аксу дарыясына чөгөрүп жиберишти.

[1] Текстте:

                                              III

(Абд ар-Рашидхан ибн Султан-Сейидхандын

(1533–59/60-жж.) өкүмдарлыгы мезгилиндеги окуялар)

// (б. 626) Хандын (Абд ар-Рашиддин) тун уулу Абд ал-Латиф-Султан Аксунун ханы болгон. Ал казак жана кыргыздарды эч тынчтандыра албады. Ал учурда султанды кооптондурган казактын эки ханы: Хакк-Назар хан жана Ноуруз-Ахмад хан эле. Султан-Хакк-Назарды Эмил деген жерде талкалап, көп олжо (?) алды[1]. Хакк-Назархан кыргыздар менен биригип, Султандын артың куутун салып, аны түнүчүндө өлтүрүп койду. Ал түнү балыкчы уруусу Ченкдаулда (?) эле; (ал адамдар) Султанга (куугун жөнүндө) билдиришпей, качып кетишти.

Ошентип, казак жана кыргыздар Султанды өлтүрүп тынышты[2]. Хан өтө кайгырып, капаланды. Хожа-Мухаммед-Шариф ханга келип, (уулунун курман болгону тууралуу) угузду. Улуу даражалуу[3] Хожа ыйыктарга ханга (чечим кабыл алууга) жардам берүү үчүн кайрылды. (Ыйык тардан) жакшы кабар алып, ханга билдирди. Кубанган хан жүрүш уюштурууга камдана баштады. Ал Мухаммад-күреканды Нооруз-Ахмад ханга төмөнкү кайрылуу сөздөр менен узатты: // (б. 63а) «Хакк-Назар хан жана кыргыздар менин уулумду өлтүрүп коюшту. Эгерде хан тынчтыкты каалай турган болсо, (бизге) жардамга аскер жөнөтсүн». Ноуруз-Ахмад хан Мухаммед-бекке терең урмат көрсөтүп, анын аскерлери (ханга) келишти. Хан беш ай аскер жыйнап (жана) улуу салтанат менен жүрүшкө чыкты.

Ал казак жана кыргыздарга Артыш деп аталган жерде жетти. Казактар жана кыргыздар өз ара биригишкен эле. Хан кол башчылыкты өзүнө алып, «алга» – Улуулар жана кичүүлөр, түрктөр жана тажиктер (баары) тең бир колго топтолушту. Душмандын коргонуусун басып алып, кайра артка тартышкан болучу. Хакк-Назар хан башында турган аскер башчысы асабалары[4] өлтүрүлдү, (натыйжада) жетекчисиз калышкан эле.

[1] 64а баракта Абд ал-латиф-султандын өлтүрүлүшү, анын казак жана кыргыздардын өчү аркылуу өлтүрүлгөн.

[2] Ушул басылманы кар: 179-б., 9-эскер.

[3] Эгерде мени адамдар (хан деп) таанышса, анда (ага) убакыт келип жетти деп которулат.

[4] Текстте: Тутлук төрө.

                                                IV

// (л. 726) Шуджа ад-Дин Ахмад-хан Мухаммед хандын такка олтурганы жөнүндө дастан анын сыры ыйык болсун, өлүмү жөнүндө баян

// (л. 736) Кичик-Мирза[1] Хашим-бек Учадан Аксута келди. Ал (жүрүш менен) Учага барды, (шаарга) кире албай кыргыздарга келди. (Ал жерде) Кунгар-бай деген өлтүрүп салды.

[1] «Кичүү мырза», Кичик-мырза – Хашим-бек – Учтун башкаруучусу.

                                                        V

// (л. 906) (Абдаллах хандын башкарып турган мезгилиндеги окуялар

1638 (39–1669)70-жж.). Мирза Шир-Мухамеддин козголоңу жөнүндө дастан жана Мирза Шах-Касимдин өлтүрүлүшү.

// (л. 91а) Ордо-бектер[1] менен төмөнкү окуялар болуп өттү. Мансур хандын парманы менен Абул Мухаммад хан (жерге) куча жана Байга, Кичик хан[2] Бубек-бекти Кучага аким кылып[3] дайындады, (ал эми) Хасан-хожаны Байга аким шайлап, (андан соң) Чалыш (жана) Турфанга жөнөп кетти.

Калмактардын Серен жана Семер аттуу эки аскер башчысы бар эле[4]. Алар Аксуга кол салышып, (шаарды) басып алышты. Көп адам туткундалып кетти. Шах Касим-бек Хан-Кули-бек менен келишим түзүп, Байда калмактардын колун талкалады. Серен жараат алып, (кийинчерээк) «аксак Серен» деп аталып калган. ШахКасим-бек Серенди (туткундап), аны Кучага жөнөттү. Хан-Кули-бек Семерди (туткундап) кармап, өтө көп олжо менен кайтты. Бир аз мурда Серен менен бирге өтө көп олжо туткундалган эле.

Мирза Шир-Мухаммад Серенди туткундаган соң, (Куча) шаардын дарбазаларын камоого алды. Мирза ШахКасим-бек Аксуга келип, (ханга) чабарманын жөнөттү. Хан бул кабарды угуп аябай каарданып, сансыз аскер менен Кучага келди. Аксу шаарын Кази-шах, Учаны Кучук-бек башкаруучу. Аксу жана Учанын аскерлери хандын кошунуна биригишти. Мирза-шах // (л. 916) Касим жарыя жасады:[5] «Мен эмне үчүн Кучанын бардык дарбазаларын басып ала албайт экенмин!»[6] Айтып бүтөр замат, (аны) ал биринчи, экинчи дарбазаны талкалап салды, мылтыктын огу ага (капысынан) жаңылып, курман болду. Мирза Шах-Касим өз доорунда өтө согушкер, эр жүрөк, тайманбас баатыр эле. Элдин баары (ал жөнүндө) кайгырды, аза күтүштү. Үч күндөн соң (ал) көз жумду. Ал 36 жашта болучу. Кашкардан мирза Шах-Касим өңдүү баатыр чыкты бекен? Анын сөөгү Аксуга коюлган.

Абдаллах хан кыргыздарга кол салды. Алгач Кара-сырды ээлеп, андан соң кайра тартты. Кийинки жылы Ошко жортуул уюштурду. Ошко жүрүш уюштуруу мезгилинде Аксу жана Кучага чабарман жөнөттү. (Себеби) Мирза Шах-Касим курман болгон соң, Абд Саттар-бек Кучада аким болуп калды. Мирза Шир-Мухаммед шаардын дарбазаларын талкалап, ханга карата жасаган туура эмес иши үчүн өлүм жазасына тартылды. Мирза Шүкүр жана Манкан байлар да өз жазасын алышкан эле. Шаар башкаруу катары Абд Сатар-бекти дайындыды. (бирок) көп өтпөй ал да көз жумду. Андан соң Кучанын башкаруучусу болуп Абд ал-Кахар-бек дайындалган болучу.

Хан Ошту караткандан соң башка жол менен кайтып келе жаткан. Аксунун башкаруучусу Кази Шах-бек, Учанын акими Мирза Күчүк-бек, кучанын акими Абд ал-Кахар-бек, Кельфиндин акими Хаджи-бек, Байдын акими Хан-Кули-баатыр өз асабалары[7] жана аскерлери менен Кази Мухаммад-Закир-Кожо // (л. 92а) Шакирбектин жетекчилиги алдында ханга куйрук улаш кетип бара жатышты. Беш-Буйнак деген жерде аларды кыргыздар озуп жетишти. Ал жерде кыргыздардын аскер башчылары Косары-бий, Кара Күчүк-бий, Йол-Болду-бий, Үч-Куртка-бий, Чанкан-бий, Афат, Шади жана башка аскер башчылары бар эле. Алар алдынкы аскер бөлүктөрүнүн чабуу луна каршы туруштук беришип[8], аскерлер жыйналган ордону басып алышып[9], согушууга киришишти. Согуштун алтынчы күнү Үч-Куртка-бий коргонууну бузуп, Хан-Кули-бекти туткундады Толук алдастаган, аскердик тартип бузулган абал түзүлдү. Хаджи-бек, Кази Мухаммад-бек, Учлук Хожа-Менак, Хожо Наки башында турган 100 кишини кыргыз Тутты-Кылычка каршы коюшуп, (ошол амал менен) араң качып кутулушту. Кыргыздар Кази Шах-бекти (жана) Хан-Кули-бекти (өздөрүндө) калтырышты, Абд ал-Кахар-бек (жана) Күчүк-бек өлтүрүлгөн болучу.

[1] Болжосу, сарайдагы бек маанисин аныктайт.

[2] «Кенже», «кичүү хан».

[3] Текстте: ханим.

[4] Текстте: тура (төрө).

[5] Мааниси: «Ошондой шарт койдум».

[6] В. 2472 ( л 1146) кол жазмада: «Өрттөө жолу менен».

[7] Текстте: Туглук-бек.

[8] Бул сүйлөм В. 2472 ( л. 115) кол жазмадан которулду.

[9] Текстте: мунджар.

Болорду Абдаллах хан кантип жеңип алгандыгы тууралуу баян

Абдаллах хан жаткан жери жайлуу болуп, Кучадан жүрүштөн кайткандан кийин, кийинки жылы Болорду жеңип алууга аттанды. Ал учурда Болордун акими ШахКызылдын уулу Шах-Бабур боло турган. Болорду басып алуу үчүн (хан) Сарыг-Колго келди. Сарыгдык аскер башчылар Мухаммад-Йусуф-мир-Хазар (жана) Риза-Касым-мир-Хазар хандын алдынан тосуп чыгышып, (анын) жол көрсөткүчтөрү болуп калышты. Памирди ашып алар Сарыг чөлүнө келип жетишти. Мир-Хазири Мир-Али-шах (жана) Мир-Мансур хан, // (л. 926) (ханды) тосуп алышып, (анын) башкы жол көрсөткүчтөрү экендигин ырасташты. Капчыгайдан өтүшүп, Болордун ичкери жагына тынышкан эле. Тоодогу чыңдоого жашынган Шах-Бабур хандын алдына уулу Шах-Реисти көптөгөн белек-бечкек, тартуулар менен кошо жиберген болучу. Хан аларга ырайымдуу мамиле жасады.

Шах-Бабурдун аталыгы Бигалинин аталыгын өлтүрдү. (Хан) Болорду (ээликке) мурдагы тартип боюнча башкаруу үчүн Шах-Бабурга ыйгарды, Мир-Хушка казылык милдетти жүктөдү. Шах-Реиске падышалык ырайым жасап, артка кайтты. Бадахшандын[1][2] чоң бөлүгү баш ийип берди. Абдаллахтын даңкы туш-тушка белгилүү болуп калды.

Хан кайрадан кыргыздарга каршы жүрүш уюштурду. Субхан-Кули-бек (ага) каршы экендигин билдирди. Хан жеңилүүгө учурап, (ага) Субхан-Кули-бекти күнөөлү деп тапты. Ал (хан) Шахбазбекти Йолбар хандын аталыгы кылып дайындап, Кашгардын акими кылып койду.

Хан кыргыздарды Нарын дарыясынын боюнда жеңилүүгө учуратты. Йол-Болду-бий (жана) Койсары-бий аларды Аксайда кууп жетишти. Хандын кошунунун оң канатын Йолборс хан жана Шахбас-бектер (бөлүктөрү) түздү. Ибрахим хандын Хатайдык аскерлери сол канатты түзүштү. Каардуу согуш болуп өттү. Ибрахим-султан аябагандай эр жүрөктүүлүктү көрсөттү, бирок (бул) ага дагы алып келди; жүрүштөн кайткандан соң, хан // (л. 93а) Ибрахим-Султан жана Исмаил ханды, (ошондой эле) Мирза Хасан (жана) Мирза-Кетанды куугунтукка алды.

[1] С 576 кол жазм: Балахшад; туура эмес жазылган ( бурмаланган).

[2] ( л. 1156) кол жазмада туура жазылган.

Абдаллах хандын Анжиянды каратып алгандыгы жөнүндө баян

Бул баян хандын мамлекети өзүнүн толук-күч кубатына, гүлдөп өнүккөн мезгилин камтыйт[1]. Анын ой-максаты Анжиян шаарын каратып алуу болуп калды, аскерлери үрөйдү учурган кыймылы менен Анжиян сепилин курчап, (ошол жерге) туруп калышкан эле.

Лакап аты Чалба деген Мирза Шахид-Чурас Аксунун акими эле. Хакан дарбазаларынын жанынан (жер) КүлТөбө деген жерге (ханга) өргөө тиктирди. Шахбаз-бек

Кашкардын башкаруучусу эле, (ал эми) Йолбарс хан анын эмири болгон. Алар салт жүрүш менен Анжияндын дарбазаларын ээлеп, сепилди талап-тоношту. Абдаллахтын даңкы бүт ааламга тарады (жана) башка падышалар кооптоно башташты.

Көптөгөн байлык жана урмат-сый менен (хан) өзүнүн борборуна кайтып келди. Бир жылдан соң (хан жана анын аскери) Анжиянга багыт алышып, аны курчап алышты. Биринчи ирет шаарды басып алышканда алар шаарга жана шаардыктарга чоң зыян алып келишкендиктен, калк (аларга) катуу каршылык көрсөтүштү. Алар Анжиянды карата албай кайра тартышты[2].

// (л. 936) (Хан) Яркенддин башкаруучусу Мирза Шахбаз бекти аталык, (ал эми) сакчылардын жетекчиси[3] кылып Айуб-бекти дайындады[4]. Ени-Хисардан сан-кыргыздар менен бирге сатым-бийди кошо чакыртып, анын ордуна Ени-Хисардын акимдигине Кара-күчүк-бийди дайындады. Кара-күчүк-бий Ени-Хисардан качып кетти. Анткен себеби кыргыздар ханга каршы козголоң уюштурмакчы болуп, Сатым-бий башында турган сан-кыргыздарнайман, кыпчак, канглы жана башкалар Яркенд, Кашгар, Аксу жана Хотанды ээлешип, аталган жерлерден орун алышты. Сатым-бий Утемиш-бекте, Каракчи-бий Айуббектин өрөөнүнөн орун алышты. (Хан) өзүнө Сатым-бий башында турган кыргыздарды баш ийдирди. Каракчи бул кабарды угуп качып жөнөгөндө (аны) Айуб-бек, ШахМахмуд-шах (жана) анын уулу Муталлиб-хожолор сары изине чөп сала кууп калышкан эле. Каракчи-бий артка кайрылып, (аларды) капыстан беттешүүгө мажбурлап, Муталлиб-кожо жана Шах-Махмуд-шахты өлтүрүп койду. Шахбаз-бек (кабарды) уккандан кийин, (куугунга) адам жөнөтүүгө буйрук берди. Андан соң (Каракчи-бийди) дарыянын боюнда кууп жетишти. Каракчи Айуб-бекти өлтүрүп койду[5]. Аллайар-бий Фатима-// (л. 94а) чакманиде эле. Аксак Аллайар аны менен биригип (Каракчи бийге) качты. Шахбаз-бек мир-Абдаллах-бек башында турган бардык эмирлерди куугунга жөнөттү. Бектер (кыргыздарды) кууп жетишкен эле. Кыргыздар каршы чабуул уюштурушту, Шахбаз-бек өлтүрүлдү. Калк согуш болгон жерден туш-тарапка качып жөнөшкөн эле. Кыргыздар абдаллахтын алтын ээрлүү аргымагын алышып алыс кетишти.

[1] Текстге: бар камал булди.

[2] Мындан ары Мирза шах-Мансур-бек аталык хан тууралуу сөз болот.

[3] Текстте: ишик ига.

[4] В 2472 ( л. 1166) кол жазмадагы андан аркы сүйлөм: «Ал Кашгардын башкаруучусу кылып Пулад-бекти дайындады».

[5] В 2472 ( л. 117а) кол жазмада кошумчаланган: «Ал Долон-кожо жана абд ал-Бакыны да өлтүрдү».

                                                        VI

    // (л. 986) Исмаил хандын такка олтурушу тууралуу дастан[1]

(Исмаил Яркенддеги такты ээлегенден соң), ал Кашкарга сакчылардын башчысы катары Кашкар акими Койсары-бийдин уулу Күчүк-бийди жиберген эле[2]. Койсары-бий жана Күчүк сакчылардын башчысы Кашкардын калкын өтө катуу кысымга ала башташты. (Ошол мезгилде Кашгарга бабак-султан (жана) Кичик-Ханым-падишахтар келишкен эле. Ханым-падышахка кыргыздар тараптан жүргүзүшүп жаткан мыйзамсыз иштер жөнүндө кабар келип жетти. Кашгар бектери Сузук-бек, Касим-бек, Шариф-бектер Туйжинин айланасына биригишип, аны (Туйжи бекти) Күчүк-бийдин ордуна коюшту. Койсары-бийди анын 25 адамы менен кошо өлтүрүп салышты. Идрис-бек // (л. 99а) качты (бирок) артынан жиберилген (куугун) адамдар (аны) алып келишти.

Хан жана жогорку даражалуу Хожамдар Кашгарга жүрүшкө чыгышты. Кыпчак бийлери – Абак, Чигиль, Худа-Назар, Йол-Болды (жана) Жагырды чоң багыштарга кармап берди. (Хан) Сузук-бек, Туйжи-бек, Касим-бек жана Шариф-бектерди да кармап алды. Сузук-бек жана

Туйжи-бек (хандын буйругу менен) өлүм жазасына тартылды, Касим-бек жана Шариф-бектерге жарыялаган эле. Ширдил-бекти Кашгардын акимдигине дайындап, (хан) кайра (Яркендге) кайтты.

Бабак хан Балхтан келди. (Хан) аны кайрадан аким кылып дайындады. Чоң Багыштар Абак-бекти, Чигил-бекти, Куда-назар-бекти жана Йол-Болдуну өлүм жазасына тартышты. Кыпчактар Бабак ханга кетишти[3].

[1] Исмаил хан – Абд ар-Рахим хандын бешинчи уулу, Йолбарс хандан кийин башкарган.

[2] Баптын башталышында Абдаллах хандын падышачылыгы жана анын өмүрүнүн акыры баяндалган эле; хандын кыргыз Кайсары-бийди Тулек-бек өлгөндөн кийин анын ордуна Кашгарга башчы кылып дайындаганы баяндалат.

[3] В 2472 (л. 123а) жана С 577 (л. 656) кол жазмаларды төмөн дөгүдөй окуу зарыл: «Баба ханга». Болжолу бул чындык, анткени кийинки бапта Абд ар-Рахим хандын төртүнчү уулу Баба хандын падышачылыгы тууралуу сөз болот.

                                                  VII

// (л. 1026) Мухаммед-Мумин Султан Ак-Баш-хандын

(Баба хандын үчүнчү уулу)[1] такка олтурушу

Турфандык (жана) Яркенддик бектер жыйналышып, аны баары урматтаган бабалары хан көтөргөн, эл башкарган жерге отургузушту. Алар Кашгарга жүрүш уюштурулуп (жана) Арзу-Мухаммед-бектин жетекчилиги астында кыпчак ханына келишти. Ени-Хиссарды чабуул менен алышып, Худа-Берды-йасаул жана Касим-хожону өлтүрүштү. (Андан) соң Кашгарды көздөй бет алышты. Тени-бек жана Сарыг-бек сансыз аскери менен ал жактан качышкандыктан, алар Кашгарды ээлеп алышты. ХожоМаксуд-хожону жана Мубарак Шах-бекти алар элдин колуна (жазалоо үчүн) кармата беришти[2]. Кашкар эли аларды талап өлтүрүп салышты.

// (л. 103а) Кайсы бир кыргыз Тени-бекти жана сарыг-бекти кармап алып (ханга) алып келди. Тени-бекти Аллайар-бекти уулдарына бергенде, алар аны өлтүрүп салышты. Сарыг-бекти элге беришти: эл аны өлүм жазасына буюрду. Яркенддин акими болуп Ахунд Мулла Фазилаллах дайындалды. Мурабдык кызматты Алым-бек ээледи. Кызматтык эки дайындоонун залалы мамлекетке тийди.

Султан-Ахмад-султан кашгардын ханы, Арзу-мухаммед-бек аталык эле. Кыргыздар султанды Кашгарда туткундап, Турфандын көптөгөн жашоочуларын өлтүрүп салышты. Турфан бектери Кашкарга жүрүш уюштурууну чечишти. Алар жүрүшкө ханды да ала чыгышкан эле.

Чоң Багыштар (ханга) келишти, алар өз кезегинде сыйлуу кабыл алынышты, кымбат кийимдер тартуу кылынды. (Бирок) алар козголоң чыгарышып, кыпчактар тарапка өтүп кетишкен эле. Алим-бектин адамдарынын ичинде баш ийгиси келбегендер көп эле. Алар (ханга) чыккынчылык кылышып, кыргыздар ханды туткунга алышты. Мирза Ала-шах-бек Ак-Туг мазарга жетип, кыргыздар менен тынчтык келишимин түзүп, эсен-соо кайра кайтты. Кыргыздар жана кашкарлыктар Яркендге киришип ак сөөктөрдү жана карапайым калкты талаптоношту.

Арзу-Мухаммад-бек Султан-Ахмад-султанды хан деп жарыялап, өзү болсо Яркендге аким болуп калды. Ак-бек өркенд жүрүшүнөн кайткандан соң, калк менен ынтымактыкка келишим түздү, (ал эми) Мир-Алам-шах башында турган Турфандык бектер хун-тайчи[3] жардам сурап чабармандарын жиберишти. Кабар жеткен соң, Чукула-Кашка[4] башында турган калмактар, Ак-бек башында турган Аксу аскери (жана) Аваз-бек жетектеген Куча аскерлери (Яркендге) келишти. Кыргыздар (шаардан) алыс кетишти. Яркенддин акими Мурад-бек, сакчылардын башчысы Мирза-Алам-Шах-бектер болуп калышты. Пулад-бек Кашгарга, Мирза-Гази-бек Хотанга аким болуп дайындалышкан эле. Ак-бек мамлекетти козголоңчулардан тазаламайын тынчтык жок экендигин сезди // (л. 1036) алар Кашгарга чегиништи. (Ак-бек) Кашкарга кыргыздарга каршы жүрүшкө чыкты. Жүрүштөн Ак-бек Яркендге эмес, Аксуга кайтып келген эле. Чукула-Кашканын калмак аскерлери жоортулга чыгышты. Адамдардын бир бөлүгү калмактарга кошулуп кетишти.

Мирза-Алим-Шах-бек (Яркендге) өтө мыкты жана ийгиликтүү бекемделип алды, көпчүлүк калкка жашоо жеңил боло түштү[5]. Арзу-Мухаммед-бек Кашгарга жөнөдү. Кыргыздын айдан улуу жана кубаттуулары Яркендди ээлеп алышты. Мисалы, Йол-Болды-бек, Куш-Кулак-бек, Хожам-Йар-бек, Сарыг-бек, Карынай-бек, Жаруб-бек, Мухаммед-бакаул-бек, Күчүк-Йасаул…

Бул кырдаалда кыргыздар өзгөчө эрдемсинип кетишкен эле. Алар айрымдарын өз ара чабыштырып коюшту. Бул чыккынчылар ыйык кожо-падишахты өлкөнү ээлеп алуу үчүн туткундап алышты, (бирок) Мирза-Алем-Шахбек бийлик чылбырын колго алып, аталган бектерди кармап, түрмөгө салды. Кыргыздар Ишим ханды хан көтөрүп алышты. // (л. 104а) Кыргыздар жана кашкарлыктар чыккынчылар болуп калышкандыктан, ыйык кожону жана улуу Мирза-Алем-Шах-бекти өлтүрүп коюшту, ал эми карапайым калкты айландырып алышкан эле. Мирза Алем-Шах-бекти жүрөгүнө ыйык кожо ыйманды (Кудайдын)…

Кудайга шүгүр, Жараткандын алкоосу жана өзүнүн нукура таланттары аркылуу Яркенддеги карапайым жана ак сөөк калкты, улуу жана кичүү мусулманды боштондукка чыгарышты.

Бул сөздү[6] аягына чейин чечмелөө өтө терең. Арзу-Мухаммед-бектин аскер жетекчилиги астында төөлөс (жана) кисектер[7] жана чоң багыштар, кыпчактардын баары, кушчу, наймандар (дагы), Кашкар жана Ени-Хиссардын калкы көп сандуу аскерлери менен (Яркендге) жети ирет кол салышкан эле. Мирза-алем-Шах-бек коргонууга (жана) мыктылап даярданышкандыктан кол тез эле алдыга чыгышты. Беш-Барадар-Алмады-бек (жана) Узлары бай Кабак дарбазаларынын жанына боз үйлөрүн тигишип, ишенимдүү адамдарына көз салдыртып коюшкан эле. Кара-Йанчук жана эр жүрөк жигиттер ар күнү (душмандын айылынан) адамдарды туткундап, баштарын кесип, кайтып жатышты. Жаруб-бек өлтүрүлгөн эле.

[1] Мухаммад-Мумин-султан ХVII к. аягында хандык кылган.

[2] Текстте: йуртка.

[3] Жунгар мамлекетинин башкаруучуларынын титулу.

[4] С 576 кол жазмада «кашиге» туура эмес берилген. 2472 ( л. 70а) кол жазмаларда туура жазылган: кашка.

[5] «Оор кырдаал женилдеди» – деп окуса болот.

[6] Кудайдын атынан.

[7] Текстте: ; болжолу, кыргыздын төөлөс жана кесек урууларынын эки аталышы берилген болуу керек (редактордун эскертүүсү).

 КОКОН ХАНДЫГЫ МЕЗГИЛИНДЕГИ ФЕРГАНАЛЫК АВТОРЛОРДУН ТАРЫХЫЙ ЧЫГАРМАЛАРЫ

Кокондук авторлордун чыгармаларындагы кыргыздар жөнүндө маалыматтар жана эскерүүлөр Ферганада жана Кокон хандыгында болуп өткөн 150 жылдык, ХVШ к. 20-ж. – ХIХ к. 20-ж. мезгилдеги окуяларды кучагына камтыйт. Бул булактарда кыргыздар жөнүндө маалыматтар аз, Миң династиясынын Ферганадагы ээликтеринин абалы жана алардын урпактары болгон кокондук хандардын тарыхы кызыктырган авторлордун эмгектеринде кыргыздар тууралуу кабарлар өтө сейрек эскертилген. Арийне, бул маалыматтардын толук жыйындысын башка булактар менен салыштыруу, кокондук авторлордун эскерүүлөрү кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхынын айрым күңүрт калган барактарына шоола төгөт.

Кокон авторлорунун чыгармаларындагы маалыматтарды тарыхый изилдөөдө колдонуудагы айрым кыйынчылыктар Кокон хандыгынын XIX к., өзгөчө, Фергана өрөөнүндөгү Миң династиясынын тарыхынын начар изилденгенинде болуп саналат. Ошондон улам кокондук авторлордун берген маалыматтарындагы кыргыздар жөнүн дөгү кабарларды иликтеп, аны которуу ишинде Фергананын жана Кокон хандыгынын тарыхындагы урунттуу окуяларды эске алуу зарыл.

Миң династиясынын Фергана өрөөнүндөгү XVIII к. ээлиги тууралуу жана Кокон хандыгынын ХIХ к. тарыхын дээрлик толук камтыган жалгыз эмгек – 87 жыл мурда жарык көргөн. В.П.Наливкиндин китеби болуп саналат[1]. Бул эмгек өзүнүн баалуулугун жогото элегине карабастан, азыркы талапка жооп бере албай калгандыгын белгилей кетишибиз керек. В.П.Наливкиндин китебинен кийин Кокон хандыгынын тарыхынын айрым маселелери боюнча саналуу макалалар жарык көрдү[2]. Өзгөчө XVIII к. Миңдер династиясынын тарыхы дурус изилдене элек.

Стенли Лен-Пуль кана Цамбаурдун жыйнак эмгектеринде чагылдырылгандай, XIX к. баш чендериндеги Кокон хандыгындагы болгон окуялардын жана Алимхан менен Омор хандын башкарган жылдарынын хронологиясы аныкталган эмес[3].

Кыргыздарга байланыштуу маалыматтардын мезгилин аныктоодо, ошол Кокон тарыхый чыгармаларындагы хронологиялык маалыматтарга таянып түзүлгөн таблица пайдаланылды[4].

[1] Наливкин В.П. Краткая история Кокандского ханства.

[2] Орто Азия тарыхынын алкагындагы Кокон хандыгы боюнча жалпы маалымат П.П. Ивановго таандык. Кар.: Бартольд В.В. История культурной жизни Туркестана, 286-б. 23-эск.

[3] Аты аталган хандардын башкарган мезгилинин хронологиясы бүгүнкү күндөрдө да тактала элек жана айрым гана маалыматтар менен толукталды. Буга В. В.Бартольддун В.П. Наливкиндин эмгеги көрсөтүлгөн маселени толук ачык бере алган эмес дегени далил боло алат.(Кар.: Лен-Пуль С. Мусулман династиясы). Салыш: В.В.Бартольд История культурной жизни Туркестана, – 286–287-бб. Эск.:23, 24, 26, 28.

[4] Маалыматтар ушул докладда жарыяланган: Ромодин В.А. Некоторые источники по истории Ферганы и Кокандского ханства (XVI–

ХIХ вв.) рукописных собраниях Ленинграда. –15-б.

                                                                                      Кокон өкүмдарларынын хронологиясы.

Шахрук-бий

Абд ар-Рахим-бий

Абд ал-Карим-бий

Абд ар-Рахман-бий

Ирдана-бий

Нарбута-бий

Алим-хан

Омор-хан

1709/10-1721/22

1721/22-1734(?) 1734(?)-1750/51

1750/51-1751 1751-1770[1]

1770-1798/99[2]

1798/99-1810[3][4]

1810-1822

Төмөндөгү котормолордун үзүндүлөрү Кокон авторлорунун үч тарыхый чыгармаларынан алынды: 1. Шах наме (Тарих-и Омор хани): Мырза Календар Мушриф Исфараги тарабынан 1822-ж. жазыла баштаган6. 2. Мунтахаб атТаварих 1842–1842-ж.ж. жазылган; автору Мухаммед Хаким-хан-Төрө[1]; З.Тарихи-и Шахрухи (же Таварихи-и Шахрухийа), XIX к.70 ж. Мулла Нияз-Мухаммед Хоканди тарабынан жазылган.

[1] ЛО ИВАН (шифр с 470) сакталып турган кол жазмадагы маалыматты пайдаландык. Кар.: Миклухо-Маклай Н.Д. О некоторых неизвестных и мало известных рукописях.–241–242-бб. өзбек тилине котормосу, ошондой эле Мунтахаб ат Таварихтин(ЛОИВАН, Д90) Өзбек ССРнин Чыгыш таануу институтундагы 592 кол жазмасы да пайдаланылды.

[1] Мезгил-мезгили менен башкарган. Алгач тактыны Баба-бек ээлеген. 1763–64-жж.

[2] Бартольд В.В. Истории культурной жизни Туркестана, – 286–287-б.б.

[3] Ошон. эле. – 287-б.

[4] ЛО ИВАН (шифр с 471) сакталып турган кол жазманын кыскача маалыматын, анын мазмунун кар: Ромодин В. А. Новый источник по истории Кокандского ханство. – 110–113-бб.

Мырза Календар Мушриф Исфарагинин Шах-наме чыгармасы мамлекет башчысынын сапаттары, анын бийлигинин милдеттери жана бийликтин белгилери жөнүндө ой толгоолордон башталат. Өз алдынча бөлүкчөдө (27а-296) авторду бул чыгарманы жазууга түрткөн себеп, жагдайлар жөнүндө сөз болот. Ошону менен бирге, автор Омор хандын тарыхын ыр түрүндө жазган сарай акыны Фазли Наманганинин чыгармасын прозага айландырганын баян дайт[1]. Түпкү теги Тимур менен Бабурга чейин жеткирилген Омор хандын генеологиясын баяндоо менен бирге Мүшриф Исфараги Тарихи Рашиди жана Шейбанинаме чыгармаларына таянып, Орто Азияда Бабур менен Шейбани хандын кагылышуулары мезгилинде болуп өткөн тарыхый окуяларга кыскача токтолуп кеткен. Андан соң Бабурдун уулу Кудайархан (Алтын Бешик) жөнүндө уламыш айтылат. XVI–XVIII к.к. Миң уруусунан чыккан Ферганалык бийлер, өзгөчө (66. 466-49а) XVIII к. бул династиянын Нарботого чейинки башкаруучулары жөнүндө салыштырмалуу толук берилген (66. 49а-52а).

55а беттен баштап, Омор хан, анын балалык чагы, ал башкарган мезгилдеги согуштук окуялар чагылдырылган негизги чыгарманын бөлүгү баяндалат. Сүрөттөө апыртылган мааниде жүргүзүлөт. Автор кокондуктардын казак жерине, Кыргызстандын эки тоолуу аймагына жүргүзүлгөн жортуулдары бул окуяларды өзү көрүп билгендиги тууралуу жазат. Төмөндө Кетмен-Төбөгө уюштурулган жүрүштүн даярдыгы жана ага байланыштуу окуялардын, Кетмен-Төбөнү баш ийдирүүгө жасалган кокондуктардын аракеттери (ХVII к. аягы – ХIХ к. башы), Омор хандын Сарыбагыштарга каршы жүргүзгөн жазалоо экспедициясы, кыргыз урууларын бири-бирине каршы тукуруу саясаты тууралуу маалыматтардан үзүндүлөрдүн котормолорун бердик.

Мунтахаб ат-таварих чыгармасынын автору Сейид Масум хандын уулу Хаджи Мухаммад Хаким-хан Кокондук тектүү үй-бүлөдөн чыккан. Автордун атасы жана чоң атасы хан сарайындагы таасирдүү кишилерден болушкан, ал эми өзү Мухаммад Али хандын (Мадали хан) мураскорунун жакын адамы болгон, бирок ал тактыга отурганда каарына калып 7 жыл өмүрү бөтөн жерде куутунда өткөн. Мунтахаб ат-таварих тарыхый жана автобиографиялык эмгек болуп саналат. Эмгектин башында исламга чейинки пайгамбарлар, байыркы Ирандын шахтары, Араб халифтери ж.б.у.с. баяндалат (бб. 2а-526), андан соң мусулман династиялары болгон Саффариддерден Тимурга чейинки кээ бир маалыматтар айтылат (66. 576-89а). Тимур жана Тимуриддер, Бабур жана улуу Моголдор, Шейбаниддер, Аштарханиддер (б. 89а-2006) тууралуу кенен сөз болот. Мангыттар мезгилиндеги Орто Азиянын (көбүнесе Бухаранын) тарыхый окуялары кенен чагылдырылган (20062346). Чыгарманын негизги бөлүгүн Кокон хандыгынын Мин династиясынын тарыхы түзөт (66. 338а-688а).

Автор өзү тарыхый окуялардын күбөсү болгондуктан, эмгектеги айрым окуялар өзүнүн эскерүүлөрү менен чатышат жана эмгеги мемуарга окшош болуп көрүнөт, өзгөчө муну биз Коконго арналган бөлүмдөрдөн көрө алабыз. Чыгарманын маанилүү бөлүгү анын Орусия жана Чыгыш өлкөлөрүнө жасалган саякатына (1822–1829-жж.) (66. 502а-636а) арналат, бирок бул аңгемелер өз алдынча бапка бөлүнгөн эмес, алар тарыхый аңгемелер менен аралаш айтыла берет.

Мунтахаб ат-Таварих эң алгач Омор хандын (1810– 1822) бийлеп турган мезгилиндеги тарыхый окуяларды чагылдырган Кокон хандыгынын тарыхынын маанилүү булагынын бири жана автор анын замандашы болуп саналат. Бул хандыктын ХVIII к.–ХIХ к. баш чендериндеги тарыхы боюнча маалыматтарды өз атасынан жана окуялардын башка күбөлөрүнөн жазып алган. XVIII к. I жарымында Кокон бийлери жөнүндө аңгемелер жергиликтүү оозеки традициянын негизинде жазылган. Автор айрым учурларда маалымат берген адамдардын аттары, замандаштары жана окуялардын күбөлөрү жөнүндө жазат.

Тарих-и Шахрухи чыгармасында ХVIII к. баштарынан, ХIХ к. 70-ж. чейинки окуялар кирет. Эмгектин компилятивдүү бөлүгүндө (ХVIII к.) бизге белгилүү Кокон тарыхчыларынын эмгектериндеги маалыматтар кайталанбайт. Төмөндө кыргыздар жөнүндө чагылдырылган маалыматтардан үзүндүлөр келтирилет. Тарих-и Шахрухиден үзүндүлөрдү которуш үчүн Н. Н. Пантусовдун (кыскартылганын кара: Нияз Мухаммед, 246-б.) жана ЛО ИВАНдын С 467, С 468, С 469 кол жазмалары пайдаланылды.

[1] Фазли Наманганинин кол жазмасы ЛО ИВАНдын фондун иликтеген О.Ф. Акимушкин тарабынан табылган. Фазли Намангани жана Мырза Каландар Мушриф Исфарагинин чыгармаларын салыштырууда, акыркы автор Фазли Наманганин маалыматтарын пайдаланган, бирок Исфараги өз эмгегине толуктоолорду киргизгени байкалды. Кар.: Стори-Берегель. – II. – 1187–1188-бб.

                                                       МЫРЗА КАЛАНДАР МУШРИФ ИСФАРАГИНИН

                      ШАХ-НАМЕСИНЕН (ТАРИХ-И ОМАР ХАНИ) ҮЗҮНДҮЛӨРДҮН КОТОРМОСУ

                                                                                                    I

(Кетмен-Төбө кыргыздарын «багынтуунун ыкмаларын» Омор хандын кызматкерлери жана аскер башчыларынын талкуулоосу)[1]

(б. 1076) Маркум Нарбото хан падышачылык кылган мезгилде согуш майданынын жетекчиси анын баатырларынын кол башчысы, Шахрихан жана Наманганды башкарган Хан-Хожа болгон. Ал бул аймакты 17 жыл башкаруу менен көп жолу душмандын сансыз колун талкалаган. Бирок өзүнүн бүтүн күч аракетин жумшаганына карабастан ал бузукулардын[2] мизин майтара албады. Бул маанилүү иштин көзүн билген билермандар, аскер адамдары – мамлекеттин тирөөчтөрү канчалык биригип ойлонушпасын, козголоңчу элди, тоолуу аймакты баш ийдирүүнүн ыкмасын таба албай коюшту. Бул кайгы кудуреттүү өкүмдарлардын көңүлүн чөгөрдү.

Ошондой эле //(6. 180а), маркум эмир Алим хандын тушунда анын аскер башчысы, Идрис-Кул-бий да (кыргыздарга каршы) ийгиликсиз жортуулдарды уюштурган эле. Ал аталган аймактарга 17 жыл бою акимдик кылган. Бул дастандын автору – хан сарайынын мушрифи кабардар болгондуктан, аталган мезгилдеги эскерилген жол башчы[3], төбөлдөрдү жана белдүү баштуу соодагерлерди жыйнап козголоңчу кыргыздарды моюн сундурууга чакырды. Бирок алардын тоолуу өлкөнү жана анын тар жолдорун аңдап билүүсү күчсүз болуп калды.

Жараткан Кудай дүйнөнү жаратканда аталган өлкөгө (ушунчалык) бийик тоолорду жаратыптыр – тоолор Үркөр жылдыздын тобун тиреп турат. Ал жакта аскерлер бул жол менен түз барса бир эле таштын кулашы аларды артка чегиндирүүгө (толук) жетиштүү //(л. 1086). Жаз мезгилинде да бул бузукулар жырткыч карышкыр, ач арстан сыяктуу өтө коркунучтуу.

Козголоңчулардын бузукулуктун жана аларга барчу тоодогу жол тууралуу кабарды уккандан соң, Омор хан атактуу аскер башчыларынан, душманга аңчылык кылган берендерден: «Бул жагдайда кандай аракет жасоого болот? Ким бул бузукуларды моюн сундурууга барат»– деп кайрылды.

Төрөлөр жана мыкчегерлер сыпайгерчилик менен: «Оо, мамлекет башчыбыз! Сенин кубатың күн санап өсүп турсун, бузуку тикендер тамырынан жулунду, алдамчы адамдар, казак уруусу жазаланды. Бул доордун даңкы сеникиндей жогору көтөрүлүп, алыска угулсун! Оо, шах – бул дүйнөнүн багынтуучусу. Сатыкеден башка бузукулардын бул дүйнөдө изи калбады. Ал кыргыздардын бир бөлүгү менен каракчылык кылып, талап-тоноп жатат. Анын даңкы шаарларга, өлкөлөргө жаңырып жатат***[4].

//(л.109а) Эгерде бул бузукуну колго түшүргүң келе турган болсо, кыштын кычыраган күнү жүрүш жаса, кыш мезгили кыргыздар үчүн оор учур. Суук кычырап айлананы ак кар каптаганда, алар (кыргыздар) өздөрүн (өтө) оңтойсуз сезип калышат. Тоонун башындагы калың түшкөн кар, алардын кача турган жолун тосот. Дал ушул ыңгайдан пайдаланып күчү кеткен жыландын башына чапсаң, ал кийин ажыдаар болуп кайра жарала албайт.

Кыргыздардын бул мезгилдеги жашоосунун оор абалынан пайдаланып, көп күч жана аракет жасабай моюн сундурууга болот. Билерман, таасын билген аскер башчысынын бирине буйрук берип, айла-амал менен кыйынчылыктан чыгууга болот. Ал көп аскер менен байкатпастан, жашыруун жүрүш аркылуу амалдуу каракчыларга капысынан түнкү чабуул уюштуруп, жыйындын чечиминин негизги талаптарын орундатышы керек.

(б. 1096) Дарий сыяктуу акылман өкүмдар Сейид-Кули беклер-бекке кайрылды: «Биздин өргөөдөгү сардарлардын ичинен сенден башка көптү көрүп-билген, эр жүрөк, кайраттууну байкай албадык. Кызмат абалыңда кемчиликтер байкалбады… Кудайдын амири менен бул татаал маселе сенин аракетиңдин натыйжасында чечилет. Бул жеңиш сага даңк алып келет.

Буйрукту аткарууга мезгил келип жетти. Аскер кызматындагылардын иш-аракетинде кемчиликтер кетирилбесин, тапкычтыкка, амалдуулукка, чыныгы акылдуулукка чек коюлбасын. Бул ишке түп кирүү үчүн, максатка жетүү жана өз жакындарынын ичинде кадыр-барк алуу үчүн аракет жаса. Ошол козголоңчуларды башкаларга сабак болсун үчүн ырайымсыз жазала…»

[1] Мында Омар хандын сарайында болгон Кетмен-Төбөлүк кыргыздарды басып алуу маселесине арналган талкуу боюнча сөз жүрөт. Булакта кокондуктардын 1235/1819–20-ж.ж. Казактарга каршы Түркстан жана Сузакты карай жиберилген экспедициясы туурасында айтылат.

[2] Кетмен-Төбөлүк кыргыздарга каршы.

[3] Текстте: салар.

[4] Жылдызча ырлардын калтырылып кеткендигин түшүндүрөт.

                                                                                        II

(Омор хандын кыргыздын кутлук сейид уруусуна сарыбагыштарды «эсине келтирип жазалоо» буйругу жөнүндө баяндан)

//(6.1226) Күндөрдүн биринде азап чегип, кайгыга чөккөн соодагер адамдардын тобу, жүрөктөрү кайгы муңга бөлөнүп баатыр эмирдин сарайына жалпы арыз менен келишти. Алар: «Оо, өкүмдар..![1] Сарыбагыштардын тобу Кашкардын жолунда бизге чагылгандай тийип кол салышып биздин болгон байлыгыбызды тартып алышты. Товар, акча, кымбат баалуу жасалгалар, жүк ташуучу жандык жана малдан куру кол калдык. Кайгы-капага чөгүп, муң тарткан элге жардам берүү сен сыяктуу улуу султандын Ислам падышаларынын камкордугу эмеспи, оо куткаруучу шах!»

Толкунданган жана боору ооруган Омор хан бул кабарга өтө кайгырып, муң тарткан адамдардын (арызчыл соодагерлер) тобун өргөөдө кабыл алып жатып: «Кандай ыкма менен аракет жасасак болот? Кайсы азамат бул бузуку урууну жазалоого батына алат?» – деди.

Жанындагы сарай кызматкерлери: «Оо, Искендер өңдүү шахыбыз! Арзыбаган окуя үчүн терең кайгыруунун кереги барбы? Тактыдагы бакыт кайгысыз болуусу зарыл, ал эми кутлук сейид уруусунун башкаруучусу, Касан шаарынын акимине[2] күч жана айла-амал жасап, кылычтын мизине салып тикендин тамырын жок кыл деп буйрук бериңиз. Бул уруунун (адамдары) өкүлдөрү кынтыксыз ишенимдүү, алар ишинде жана аны аткарууда өтө чебер болушат.

Бузукулардын сазайын өзүнө окшогондор берсин! «Айнек таштан келип чыгат, ал эми анын душманы таш болору маалым» эмеспи дешти.

Бул сөз улуу урматтуу султандын кабыл алуусунда болгондордун көз алдында айтылгандыктан, султан туура көрүп, аталган урууга (кутлук-сейид) аскердик[3] камылга көрүп, мылтыктарын шайма-шай кылып, атчан жүрүшкө чыгуута буйрук[4] берди. Жеткен жерден бузуку уруунун (сарыбагыштар) өкүлдөрүн аёосуз жазалап, эң алгач соодагерлердин таланып тонолгон буюмдарын //(6.1236) жыйнап, өз ээлерине кайтарып берүү зарыл* * *.

[1] Омор ханды мактаган өтө апыртылган эпитет берилген жок.

[2] Текстте.: хаким.

[3] Текстте.: лашкар.

[4] Текстте: фирман.

МУХАММЕД ХАКИМ ХАНДЫН МУНТАХАБ-АТ-ТАВАРИХИНЕН КОТОРМОЛОР

//(б.338а) Он экинчи династия – Мингдер: (Минг өкүмдарлары) жетөө болушкан жана Ферганадагы мамлекетти 100 жыл башкарышкан.

Алардан биринчиси – Рахим хан ибн-Шахрух аталык ибн Мухаммед Халик-бий ибн Чамиш бий; ал (Чамиш бий) чыныгы акыйкат жолго үндөгөн, Маулана Лутфаллах Чистинин мюриди эле, ал эми Махмуд-и Азамдын, ыйыктардын султанынын мюриди эле.

Шахрук аталыктын татыктуу үч уулу болгон: Рахим хан, Абд ал-Карим хан жана Шады бий. Алардын өргөөлөрү азыркы күндө урандыга айланган, Кокондон үч чакырым аралыктагы Дихкан-Тада аттуу жерде жайгашкан эле.

Ал эми Хожентте болсо бийлик добулбасын Мухаммед Рахим Аталык Юздун[1] уулу Акбото бий согуп турду. Кудайдын буйругу жана маңдайга жазган насиби ушундай: (л.338б) Акбото бий Шахрук аталыктын кызына куда түштү, (ага) чоң той жана салтанат менен үйлөндү; Рахим ханды кызматка алып бийлик чылбырын ага тапшырып, өзү болсо жашоонун жыргалчылык кумарына чөмүл дү.

Ошондон кийин Рахим хандын даңкы бүткүл дүйнөгө тараганда, Акбото-бийдин сарбаздары ага кара санатайлык ойлой башташкан эле. Муну уккан Акбото-бий коркуп кетип, Рахим ханды кармоого аракет жасады, бирок (ал) өзүнүн бир нече жакындары менен өргөөсүнө жөнөп кетти[2].

Анын жөнөп кеткенин уккан Акбото-бий Рахим ханды кармап келүү үчүн кыргыз пансатын артынан куугунга жөнөттү. Кыргыздар таскак жүрүш менен Рахим ханды Шум-Курган деген жерден кууп жетишти. Арстандай эрдиги болгон ал (Рахим хан) найза сунулуп, жебе учканын көрүп[3], чоң ишеним менен, (болгону) аз сандуу адамы менен жаа атышууга кирип кармаш башталды.

Катуу кармаштан курман болгон кыргыздардын канынан жер кызгалдактай өңдөнүп, Сейхун дарыясынын суусу кызыл кочкул шарап сымал акты. Рахим хандын Камбар аттуу көзгө атар мергени болгон дейт. (б.335а) Ошол күнү ал өзү жалгыз 40 кыргызды окко учурду. Кыргыздар төрт-беш гана адам тирүү калганын көрүшүп, артты көздөй качышкан эле. Өздөрүнүн жанын аман алып калуу үчүн «кач» деген сөздү айтышып, көздөн кайым болушту.

Бул коркунучтан ийгиликтүү кутулушкан соң, жеңишти алгачкы жакшы жышаан катары түшүнүп, Рахим хан жаратканга таазим кылып, өзүнүн өргөөсүнө кайткан эле.

Акбото-бий бул кабарды укканда, тилин тишине катып, таң калып, канткенде бул колго түшпөс аңды алуунун оңтоосун ойлоду…

Ал (Акбото-бий) тилинен бал тамган канчалаган элчилерин жөнөтүп, кечирим сурап өтүнсө да, Рахим хан ынанбады. Көптөгөн чакыруулардан соң, улуу урматтуу хан Акбото бийге кайрылып келди, кудуреттүү өкүмдарлар кучакташып жарашышты. Рахим хандын келишин жакшылыктын жышааны экендигин сезип, Акбото бий ага чексиз меймандостук көргөздү.

Бул окуядан көп өтпөй (л.339б) чагымчылдардын таасири менен Акбото бий Рахим ханды экинчи ирет кармап келүүгө чечим чыгарды.

Бул жөнүндө кабардар болгон Рахим хан Акбото бий Хожент сепилинде[4] таттуу түш көрүп жаткан учурунда, өч алууну эңсеген, канжар кармаган бир нече баатырлар менен келди[5]… Падышанын ордосуна өлүм үрөнүн алып келгендер капысынан канжардын курч миздери менен аны (Акбото-бийге) жана ай жүздүү балдарына өлүм суусундугун ичиришти, ордунан козголгус кылып салышты!..

Ошол эле түнү алардын сөөгү жерге көмүлгөн болчу.

Кийинки күнү Рахим хан эмирликтин тагына олтурду. Анын даңкы бүткүл өлкөгө тарады. Ал өтө тайманбас жана эр жүрөк хан болгон[6]. Фергана вилайетинин көпчүлүк бөлүгүн каратып алган. Көп мамлекеттерди каратып алгандыктан аны Сахибкиран деп аташкан[7].

//(л.340а) Арадан бир аз убакыт өткөндөн соң Хожентти агасы Абд-ал-Каримдин башкаруусуна берди, өзү Кокон вилайетинде туруп калды[8]. Анын тушунда Кокон кайрадан курулган эле. Ал эми Маргелан башкаруучулугун иниси Шади бийге ыйгарды…

[1] Ташкенттеги 592 (346 б.) кол жазма «Юз» сөзү жок.

[2] Коркунуч жөнүндө кабар алган Рахим хан Хоженттин Дихкан Тодага качкан.

[3] «Жаадан ок атылды» деген сөз тексттин четинде жазылат. Ташкент кол жазмасында (592) бул сөз жок.

[4] Текстте: арк.

[5] Бул фразанын аягындагы бир канча сөздүн мааниси түшүнүксүз.

[6] «Хан» сөзү бул жерде «өкүмдар» деген мааниде колдонулган, анткени «хан» титулун ХVIII к. Биринчи жарымындагы Кокон башкаруучулары колдонушкан эмес. (кар: В.В Бартольд. История культурной жизни Туркестана, 287-б.)

[7] Жогору жакты кар. 102-б., 7-эск.

[8] Бул баяндалган окуяларды В. Наливкин жанылыштык менен ХVIII к. 30-ж. таандык деген. (кар: «Краткая история Кокандского ханства» 56-57-б.). Чындыгында бул окуялар ХVIII к. 20-ж. болуп өткөн, Нияз Мухаммед (Тарих-Шахрухи, 256) боюнча Абд ар Рахим бийдин башкарган мезгили – 1134/1721–22-жж. Бул дата документалдуу такталган, анткени грамотаны аштарханиддердин атынан Шахрухтун уулу Рахим бий 1135/1722–23-жж. берген. Хожент менен байланышкан бул грамота Мухаммед Хаким хандын Абд ар Рахим хандын биринчи кадамы жөнүндө айткандары менен да тастыкташат, (кар: А.З. Валидов.

Некоторые данные по истории Ферганы XVIII столетия, 716.) 5 Хан Ходжа жана Бурхан ад-Дин.

                                                            II

                                               (Абд ал-Карим бийдин башкаруусу жөнүндө бөлүктөн)

//(л.341) Анын (Рахим хандын) ордуна Абд-ал Карим бий олтуруп, бийликти адилет иштери жана жазалоо иштеринен баштады. Рахим хан өлгөндөн соң, Абд-ал Карим бий анын жесири Айчучук айым менен никелешти. Анын башкарган мезгили ичинде Чинден калмактар кол салышты. Ал учурда Кашкар вилайетин Ай-Кожо жана Күн-Кожолор башкарчу5. Кытайлар Жети шаарды каратып алгандан соң, алар көптөгөн кармаштардан ки йин Бадахшан тарапка качууну көздөштү. Бул өлкөгө келишкенден соң, жергиликтүү жашоочулар алардын динин е жана адатына түшүнүшпөй кытайлыктардын алдоосуна ишенип эки сейид-задени Кытайга кармап беришти[1].

Колго түшкөн сейиддерди динсиз капырлар курч кылычтын мизи менен баштарын денелеринен ажыратып салышты …

//(л.341б) Бул сейиддерден бир эмчектеги бала аман калды. Бардар жана кайраттуу адамдар асылзат жетимди капырлардан жашырышып, Бухарага жеткиришти.

Кара ниет капырлар өз ой максаттары орундалган соң, калмак аскерлерин Ферганага жөнөтүшкөн эле. (Бул аскерлер) көп вилайеттерди басып алышып, Коконду курчоого алышты; Абд ал-Карим бий күнү-түнү улуу күч аракет менен арам капырларга каршы ыйык согуш жүргүздү. Камалоо узакка созулду.

Ал мезгилде Ура-төбөнү Фазил-бий ваннамий ибн Садык бий Юз башкарчу. Ал мезгилде 20 жашта болчу. Ал (Абд-ал Каримдин) абалын уккандан соң, шашылыш түрдө Коконго келип жетти, (л.342а) хандын кабыл алуусунда болду. Анын келгенине Абд-ал Карим абдан кубанып, жакшылыктын жышааны катары кабыл алып, меймандостук көрсөттү.

Бир нече күндөн соң кысымга чыдабаган калмак аскерлери Коконду калтырышып, өз өлкөсүнө кетишти. (Калмактарга) исламдын адамдары кол салып жатышты. Фазил ваннамийдин Мир-Мухаммед-Бахадур аттуу бир жоокери бул кармашта 90 калмакты өлтүргөндүгү айтылат. Улуу даражалуу эшен Султан хан бул жөнүндө МирМухаммед бахадурдун өз оозунан көп ирет уккандыгын айткан[2]. Ошентип Абд ал-Карим бий капырлар менен согушта толук жеңип, чоң сый урмат менен Фазил бий ваннамияны узатты.

[1] Кожолордун Бадахшанга качуусу, аларды Кытай бийликтерине кармап берүүну анахронизм катары кароо зарыл. Бул окуя Жунгар хандыгы кулагандан (1756–1757-жж.) соң болуп өткөн. Бул мезгилде Циндер Чыгыш Түркстанды басып алышкан эле. Абд ал Карим XVIII к. баш чендеринде эле өлгөн. XVIII к. 50-жылдарында Коконду- Эрдене бий башкарган.

[2] Ушул басылманын 1796. 9-эск.кар.

                                                                III

                                (Хаджи-бийдин уулдарынын кыргыздарга качышы жөнүндө баян)[1]

//(л.Збба) Хаджи-бийдин үч уулу болгон; биринчиси – Улук-бек, экинчиси – Шир Али-бек, үчүнчүсү – жашы ымыркай Бек Оглы-бек эле. 15–16 жаштардагы Улук бек жана Шир Али-бек кыргыздарга барышты. Күндөрдүн биринде Улук-бек эски күмбөздүн алдында олтуруп жазуу менен машыгып жаткан. (л.3666) Мезгилдин өтүшү менен эскирген күмбөздүн чатыры турмушта эч нерсе көрө элек байкуштун башына кулап түшөт, ал ошентип кыяматка чейин кайра келбес болду[2].

[1] Хаджи-бий Абд ал-Каримдин небереси жана Нарбото-бийдин кичүү иниси эле. Нарбото-бий тарабынан Төрө-Коргонго аким болуп дайындалган Хаджи-бий козголоң чыгарып, качууга мажбур болгон (Мунтахаб ат-Таварих, 356 б.). В. Наливкиндин маалыматына караганда («Краткая история Кокандского ханства», 73 б.), Хаджи-бий Чаткалдын кыргыздарына барып коргологон.

[2] Мунтахаб ат-Таварихте Шир Али хан кыргыздарда жашап калгандыгын баяндайт. Хаджи бий 1216/ 1801–02-жж. өлтүрүлөн. ШирАли хан 1842-ж. чейин Талас кыргыздарында жашаган. Ал Улуг-бек өлгөндөн соң, Чаткал аркылуу Таласка келип туруп калган.

МУЛЛА НИЙАЗ МУХАММЕД ХОКАНДИНИН ТАРИХ-И ШАХРУХИСИНИН ҮЗҮНДҮЛӨРҮНҮН КОТОРМОСУ

                                                                I

(Калмактардын Ферганага жортуулу, алардын

Баба-бекти туткундап кетиши жана андан аркы тагдыры жөнүндө)

//(306) Баба-бек Рахим хандын тун уулу эле. Абд алКарим бийлик кылып турган мезгилде Кайнар деген жер тараптан калмактар келип Кокон сепилин курчап алышты. Каршылык көрсөтүүгө күчү жетпесин, курчоодон чыга албасын түшүнгөн (Абд ал-Карим-бий) Баба-бекти калмактарга барымтага карматып берди[1]. Абд ал-Каримдин өлүмүн уккан Калмак Баба-бекти Коконго жөнөтүп жатып муну (айтты): «Ал Рахим хандын улуу баласы болгондуктан бийликке татыктуу». (Кокондуктар) буга макул болушуп, шахтын тактысында бир жыл отурууга мүмкүн дүк беришти[2]. Жыл айланбай мыкчегерлер тарабынан чакыртылган аскерлер[3] Беш-Арыка жыйналышып, Баба-бекти өлтүрүшүп, Ирдананы хандыка көтөрүштү.

[1] Басмада «ак үйлүк» өзүнүн жээнин барымтага берген Абд алКарим сыягы бир канча убакытка Джунгариянын өкүмдарынан көз каранды болуп калган. Ал эми Абд ал-Карим менен союздаш болгон Фергананын башка аймактарындагы кыргыздар жунгарларга каршы күрөшүн уланта беришкен. 1748-ж. жунгарлар зайсан Доржи башында турган калмактарды кыргыздарга каршы жөнөтүшкөн, натыйжада, кыргыздар болсо еларды талкалап салган (кар: Н. А. Аристов, Очерки исторической географии Тянь- Шаня и каракиргизов, 418 б).

[2] Даректүү маалыматтарда Баба-бектин падышалык толук ысымы Низам ад-Дин Мухаммед Баба бий болгон (кар:А.В. Валидов, Некоторые данные по истории Ферганы XVIII столетия, 71б.85б.ярлык№17 жана № 30.)

[3] Басымда: кошун.

                                                 II

(Кыргыздардын 1845-ж. Оштогу көтөрүлүшү жөнүндө)[1]

//(170б.) Кыпчактардын жүрөкзадалыгы[2] Кыргыздардын Оштун айланасынан Үч-Коргонго, андан Алайга чейин ки көтөрүлүшү, Ошту курчап алуусунан улам түзүлгөн абалга да байланыштуу эле. Бул аяң Шахрихандагы кыпчактарга жетип, алар Мусулман-Кулду кабардар кылышты[3].

Бул коркунучтуу кабарды утушкан (кыпчактар) Ташкенттеги иштерин калтырышып, кыргыздардын чабуулунун мизин кайтарууга камынышты. Аргасыз болгон кыпчактар кошун жыйнап кыргыздарга каршы чабуулга киришишти. Шахриханды башкарган6 кыпчак Кур Оглы вилайеттин аскерлери менен кыргыздарды чегинүүтө мажбур кылды[4].

Ошол эле күнү Мусулман-Кул Мухаммед-Назар КурОглы кыпчактын кошуну менен биригүүнү эңседи. КурОглынын аскерлери кыргыздар менен кызуу согушуп жаткан мезгилинде Касым бек аталыктын уулу Сатыбалды Дадхах Хоканди[5] менен Рахматуллох-Дадхах мырза алайлык кыргыздар менен өз ара келишим түзүп алышып, борборго Алим хандын уулу Мурат ханды алып келишип такка отургузушту, ал эми Шир-Али ханды өлтүр үштү деген кабар келди[6].

[1] Бул көтөрүлүш жөнүндө кыпчактарга каршы чыккан Ташкенттеги окуялардан соң сөз болот.

[2] Ташкенттеги окуялар кыпчактарды алдастатып салган эле.

[3] Мусулман-Кул Кокондо узак убакыттар бою бийлик чылбырын колуна кармаган кыпчактардын башчысы. 6 Текстте: хаким.

[4] С 467, л.92 а текстте: «Шахрихандын кошуну сарттар менен бирдикте кыргыздарды чегинүүгө мажбур кылышты».

[5] Исфаранын акими Сатыбалды Дадхах Кокондогу антикыпчактык бирикменин башында турган. Ал «элдин атынан» Оро-Төбөдө убактылуу турган Мурад-бекке чакыруу жиберген. (кар: В. Наливкин. Краткая история Кокондского ханство 161–162-б.)

[6] Андан кийинки окуялар В.А. Наливкиндин эмгегинде чагылдырылат, 161–162-б.

                                               III

(Кудаяр хан такка отургандын төртүнчү жылы кыргыздардын кыпчактарга каршы көтөрүлүшү жөнүндө эскертме[1])

//(1826) Намангандан жогору жашаган кыргыздардын уруусу көтөрүлүш чыгарды. Балыкчынын жанындагы Джуча деген жерде кыпчактар менен согушта (кыргыздар) жеңилип калышты.

[1] 1847–1848-жж.

                                            IV

(Кокон аскерлеринин Пишпек жана Узун-Агачка жортуулу жөнүндө баян)

//(2156) Ал учурда Ташкент Канаат-Шахтын[1] башкаруусунда турган эле. (2166) Ал Малля ханга[2] орустар Үч-Алматыны айланасы менен кошо[3], Тухмакты[4] жана Аштекти[5] басып алгандыгын кабарлады. (Малля хан) мыкчегерлерин жана аскер башчыларын шашылыш жыйнап, алардын кеңеши менен Анжияндын башкаруучусу[6] болгон кыргыз Алим-бекке[7] Куртка аркылуу аскер менен жолго чыгуусун буйуруду. Жети пансад башчысына[8] өз кошундары жана борбордон курамынын, Ташкенттин жана анын айланасынын колу менен чыгуусун талап кылды. Борбордон чыккан пансаттар курамынын колу менен бирге тез жүрүш менен Ташкентке келип жетишти. Алар бул жерде эки-үч күн туруп калышты. Канаат-шах көп сандаган аскер жана жөкөрлөрү менен Ташкенттен чыкты. Газаватка чыккан Канаат-шах Пишпеке[9] карай багыт алды[10].

(Кокон аскерлери) өтө тездик менен жүрүп олтурушуп, Чимкентке келип жетишти. Ал жерде эки күн өргүшүп, алты күндүк жүрүштөн соң Аулие-Атага жетишип, анда алты күн эс алышты. Андан чыгышып, тез жүрүш жасашып, алты күндө Пишпеке келип жетишти. Алар бул жерде бир жуманын тегерегинде өргүп калышты. Жөө аскерлерге ат, жүк көтөрүүчү унаа берилди[11]. Мындан сырткары азык-түлүк, ок-дары аскерлер үчүн керек нерселердин баары берилди, даярдык толук бүттү. Андан соң жолго чыгышты, экинчи күнү[12] Чу дарыясынын боюна келишип токтоп калышты.

Шадман кожого[13] 7 миң[14] кол менен Аштек менен ҮчАлматынын ортосундагы Бикетте[15] турган орустарга түз чабуул коюуга буйрук берилди. Анын артынан Канаат-шах сарбаздары[16] жана аскерлери менен чыкты. Таскак жүрүш менен Канаат-шахтын аскерлери 5 күндөн кийин бир тоого келип токтошту. Төртүнчү күнү бул жерге Алымбек кыргыз Анжиандын, Куртканын, Кетмен-Төбөнүн жана башка жерлердин кыргыздары 12 миң адамы менен келип негизги колго кошулду[17].

Ошол эле учурда Шадман-кожодон кабар келди: «Орустар менен беттештик, согуш жүрүп жатат»[18] кабарды уккан ислам аскерлери (2176) жүрүшкө шашылыш чыгышып, эртең менен Аштек жанан Үч-Алматынын ортосундагы Бикет деген капырлар жайгашкан жерге келип жетишти. Ислам аскерлери каапырларды курчап алышып, согушууга камданышты.

Ушул учурда Алымбек кыргыз жана Канаат-шах Тажик башчылык орунду талашышып араздаша башташты. Ушул себептен Алымбек анжиян аскерлерин жана кыргыздарды ээрчитип, беттешүүдөн четке чыга берди жоопкерчиликти Канаат-шахка жүктөй салып (Алымбек), намысын колдон чыгарды.

Борбордон чыккан аскерлер Ташкент, Курама кошуундары менен бирдикте такбир жарыялашып чабуулга өтүштү. Бул арзыбаган, кенедей саптардын автору такбир жарыялагандардын жанында болуп, «бутпарастарды өлтүргүлө!»[19] деген ырды окуп, ислам дининдеги адамдарды согушка үндөп турду.

Ислам аскерлери чабуулга өткөн мезгилде 2 миң[20] капыр замбиректерин даярдап ок ата башташты. Тозоктун отунун күнү келгендей болду, замбирек жана мылтыктын огунан курман болгондордон жер онтоп жатты, Исрафил периштенин кернейи3 тартылгандай болду. Тектүү жерден чыккан көпчүлүк каарман азаматтар отко түз эле киришип, бейишке биринчи чыгуу үчүн жан таслим болушту.

Айрымдары өлүмдүн көзүн тике карап, тайманбастан кан аккан кылычтары менен (капырлардын) баштарын алып жатышты.

Беттешүү бир саат убакытка созулду. Тынымсыз атылган замбирек, мылтыктын огунан казактар жана көчмөнд өрдүн бир тобу, беттешүүдөн баш тартышып, дөңсөө далдаасына жашырынышты. Бирок тажик жана сарт аскерлери чашт маалынан түшкү намазга чейин салгылашууну уланта беришти[21][22]. Капырлар туруштук бере алышпай, күчтөрүн дөңсөөгө жыйнашып кача башташты5. Канаат-шах аталык башчылык кылган аскерлердин басымдуу бөлүгү да эки чакырымга чегинишип, согуштан чыга беришти. Калган аскерлер чегинген капырлардын изине түшүп, түн киргенге чейин согушту. Капырлар Аштек сепилине качышты; калган аскерлер да чегинишип Канаат-шах аталыка келип кошулушту[23][24].

Ошол түнү2 (Канаат-шах), бардык көчмөндөрдү[25] жана казактарды жыйнап, алардан (аскер түзүп) лашкар түзүп, бир бөлүгүн Пишкектин, калгандарын Мерке жана АулиеАта чептерине жакын жайгаштырды[26]. (Канаат-шах) ал жерден чыгып, өз аскерлери менен Пишкекке келип жетти. Бир ай туруп, чепти оңдоттурду, аскер башчыларын үйлөрүнө таратып жиберди. Бул жерде калууну керектүү сезип, Ташкент кошууну менен Канаат-шах аталык бул чепте (дагы) бир ай туруп кайра курууларды өз колуна алды[27]. Ал эми Анжияндын жаны анын чөйрөсүнүн кошуунун Канаат-шах үйлөрүнө таратып жиберди[28].

[1] С467л. 1166 кол жазма боюнча: сарайдагы тажик мулазими: Пантусовдун китебинде: Канаат-шах хан сарайындагы «астананы өбүүчү» деп жазылган. Канаат-шах (Канаат-ша парваначи) – Кокондогу тажик аскер башчыларынын бири. 1846–47-ж.ж. Түркстан шаарын башкарып турганда Ташкенттеги Кокон бийлигине баш ийгиси келбей Бухара хандыгына кетти.(Тарихи Шахрухи, 178–180). Коконго кайрылып келген соң, саясий иштерде чоң роль ойногон, 50–60-ж.ж. Ташкентти башкарып, кыргыз жана казактарга жүрүш жасаган, орустарга каршы аскер жетектеген. 1279/1862–63-ж.ж. Кудаяр хан тарабынан Бухарага жиберилген учурунда өлтүрүлгөн.

[2] Малля хан 1858–1862-ж.ж. Кокондун өкүмдары.

[3] Таваби аш (Пантусова басылмасы) С467 кол жазмасында музафаташ деген синоним менен алмаштырылган; бул контексте Кокон чебинин айлана-чөйрөсү мындай округдун сепилдин комендантына баш ийүүлөрү зарыл болгон.

[4] Басылмада: Тухмак, Токмок шаары (Кыргызстан).

[5] Бас: Кастек тоонун аталышы, Токмок менен Алматынын ортосунда орун алган.Кастек тоосунда анча ири эмес кокон коргондугу болгон.

[6] Бас: валию

[7] Алим бек (Алым-бек) к. 50–60-жж. Кокондогу көчмөндөрдүн тасирдүү жетекчилеринин бири болгон. Кыргыз жана Кокон байланыштарынан кабардар болгон Шабдан Жантаев Н.А. Аристов жазып алган маалыматта Алымбекти кыпчак деп айткан (1885-ж.) Н.А. Аристов.

Очерки истории геогр. Тянь-Шаня, ч.2. 583-б.

[8] С.647: «жети-сегиз».

[9] *Басылмада С 469 кол жазмада (1186.) …; Тарих-и Шахрухиде бул Пишпек тууралуу алгачкы эскерүү болуп саналат. Жергиликтүү калк аны «Пишпек», «Пишкек» же «Пшкек» деп атаган. Жергиликтүү элдин уламыштарында Пишкек кыштагынын Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногондон 25–30 жыл илгери жаралгандыгы айтылат (кар:

И. Земляницин, Исторический очерк Семипалатинска…, 856.)

[10] Ушул жерден «кошун» сөзү «кушин» болуп жазыла баштайт.

[11] Текстте: улау – жүк ташуучу унаа. Кокондо улау пули деген салык болгон. (В. Наливкин, Краткая история Кокандского ханства, 1676.); кыргыз тилинде «ылоо», «улоо» коомдук керектөөлөргө пайдалануучу унаа. (К.К Юдахин, Кырг. Русск. Словарь,930б.) Бул жерде «жүк ташуу жаныбар» терминин орус бийлигине чейин Пишпектен Узун-Агачка чейин араба жолу болбогондугун аныктайт.

[12] Бас: «эки-үч күндө», бирөө с 468 так болуу керек: дар рузи дуввим – «экинчи күнү».

[13] С468 тизмеде Шадман ходжанын атына «Ташкент» деген улантып айтылган.

[14] Орус маалыматтары боюнча Шадман ходжа 6 миң адам болгон. Бул Узды-Агачты чабуул койгон кокон аскерлеринен аз болгон.

[15] Орустун «пикет» деген сөзү болуу керек (Бартольд Туземец о русском завоевании, 336,17-эск.

[16] С467 кол жазмада, ал эми башкаларында Канаат-Шахтын башкы күчтөрүнүн курамын тактаган сарбаздар жөнүндө маалымат жок.

[17] Башкача айтканда, кошундун негизги күчтөрүнө, «чоң кошунга С467 кол жазмасы боюнча:…….; башка кол жазмаларда …. сөзү жок

[18] Орус маалыматтары боюнча миң кокондук Узун-Агач чыңдоосун курчап, 1860-ж.18-октябрь күнү согуш башташкан.

[19] Коран IX, 5.

[20] Орус аскерлеринин Узун-Агачта согушкандарынын саны с467 тизмесинде гана берилген. Орус аскерлеринин жалпы саны бул тизмеде дээрлик так берилген. Колпаковскийдин кол алдында Узун-Агачтын алдында 9 рота, 6 жүздүк, 9 замбирек, эки ракета станогу, баары эки миң адам, анын ичинде 1350 жөө аскер болгон. (кар: стр. ПИЧУГИН,

Вторжение коканцев в Алатавский округ в 1860г. 552–553-б.) 3 Текстте: сур.

[21] Текстте: чашт «эртең мененки убакыт» орус булактарынын маалыматтары боюнча Узун-Агачта 1860-ж. 21-октябрында болуп өткөн салгылашуу эртең менен башталып, түшкү 1 чендерге чейин созулган.

[22] Орус аскерлеринин «качуусу» Колпаковскийдин аскерлеринин бир бөлүгүн Кастек чыңдоосуна убактылуу чегинүүсүн аныкташы ыктымал.

[23] Узун-Агачтын алдында Кокон аскерлери жеңилип калды, Канаатшахтын Үч-Алматы жүрүшү ийгиликсиз аяктаган. Бул жүрүштүн негизги максаты орустарды Үч-Алматыга жакын жердеги Верное чебинен сүрүп чыгаруу болгон. Верное кийин шаарга айланып, областтык борбор болуп калган (Революциядан кийин Алма-Ата болуп өзгөргөн). Тарих-и Шахрухиден кокондуктардын женилүүсүн көчмөндөрдүн көчүп кетип калуусу, кокон аскерлеринин Пишпеке чегинүүсүнөн байкоого болот.

[24] нен 22-октябрга оогон түнү, Узун-Агач салгылашуусунан ки йин.

[25] ЛО ИВАНдын бардык нускаларында «казактар жана көчмөндөр» деп гана айтылат.

[26] Бул жерде сепилдер эмес, анын айланасы жөнүндө сөз болуп жатышы мүмкүн. Анткени казактар ж.б. көчмөндөр Пишпек, Мерке, Аулие-Ата сепилдерине мал-салы менен батышмак эмес. (В. Бартольд.

Соч. т.Н, ч. II, 3536.)

[27] Канаат шах Пишпекте 1860-ж. аягына чейин болгон.

[28] 1860-ж. 5-декабрда Алым-бекти Гүлчөдөгү өргөөсүнө келген англиялык чабарман Абд ал-Мажит аны жолуктура алган эмес. Ага Алым бек орус чек арасына жөнөтүлгөн экспедициясында деп жооп беришкен.

Кар: «Rероrt оf а jоurnеу tо Коkаn», 86.

XVII–XIX кк. КЫТАЙ

БУЛАКТАРЫНАН ҮЗҮНДҮЛӨР

КИРИШ СӨЗ

Сунушталып жаткан котормолордо XVII кылымдын акырынан XIX кылымдын башталышына чейинки мезгил аралыгында жазылган бир катар кытай булактарындагы маалыматтар менен кыргыз тарыхын изилдөөчүлөрдү тааныштыруу максаты көздөлөт. Адис-синологдор үчүн гана айкын болгон XVIII кылымдагы кытай булактарын изилдөө кыргыздардын саясый тарыхы, Кыргызстандын жана ага коңшу чөлкөмдөрдүн географиясы боюнча, ошондой эле тарыхый этнография жаатындагы материалдарды толукташка шарт түзөт. Эмгекте «Пиндин чжуньгээр фанлюе» («Жуңгарияны тынчытуу баяны») жана «Да Цин личао шилу» («Улуу Цин сулалеси тарыхы») сыяктуу расмий булактардан алынган үзүндүлөр которулуп берилген. Аларда камтылган маалыматтар манжуу Цин империясынын монголдорго, уйгурларга, казактарга, кыргыздарга жана башка калктарга карата жүргүзгөн саясатын ачык көрсөтөт.

  • кылымдын акырында, XVIII кылымдын башында кыргыздардын (буруттардын) тарыхы, ошондой эле Чыгыш Түркстан менен Орто Азиянын башка бир катар калктарынын тарыхы Жуңгар хандыгынын ушул чөлкөмдөгү активдүү ролу, андан соң манжуу Цин сулалесинин өктөм баскынчыл тышкы саясаты менен байланыштуу болгон.

Кытай булактарындагы буруттар тууралуу эң алгачкы кабарлар Галдан Бошокту хан каза болгондон кийин ойрот дөөлөтүндө бийлик тизгини Цэван-Рабдандын колуна тийген мезгилге туура келет. 1697-жыл мезгил мерчеминде «Дунхуа лу» тарыхнамасында («Дуг хуа турак жайында даярдалган жазмалар»): «Галдан мурда Самарканды, Бухараны, казактарды, буруттарды, Яркенди… чапкан»1,– деп айтылат. 1697-жыл Цэван-Рабдан бийлигинин биринчи жылы. Чыгыш Түркстандын феодалдык ээликтери Цэван-Рабдандын өкүмүнө Галдан али тирүү кезинде эле моюн сунушуп, ага каршылык көрсөтүшкөн эмес деп, И.Я. Златкин жазат. 1734-жылы Россия тышкы иштер коллегиясы императрица Анна Ивановнага төмөнкүдөй маалымат билдирген: «Цэван-Рабдан Яркенд, Турфан, Кашкар, Аксу шаарларында жана аларга караштуу башка калааларда жашап турушкан бухаралыктарды өз өкүмүнө баш ийдирип, салык ала баштады. Хандар менен көптөгөн бектерди жана ал шаарлардын аттуу-баштуу адамдарын өз жанына алды; алар азыр анын, коңтаажынын кол астында; ошондой эле эгин айдоолорун ээлешти… Коңтаажыга багынышкан бардык бухаралык отурук букаралардан тышкары, ал ээлик кылган аймакта 2000ге чамалуу адам көчүп жүрүшөт. Ошондой эле бурут деген элди каратты; алар Тузкөл (Ысык-Көл) деген көлдүн атырабын көчүпконуп жайлашат» (АВПР, Ф. Зюнгарские дела, 1734, д.

За, л. 1 об. )2.

  • кылымдын биринчи чейрегинде жуңгар феодалдары Орто Азия ээликтерин чаап ала баштаганына байланыштуу, кыргыздар Тянь-Шандын түндүк бетиндеги өз конуш журттарын таштап, Фергана менен Каратегинге жер оодарышка мажбур болушкан. Өз ара араздашып, бөлүнүп-жарылган Орто Азия хандыктары, чачкын кыргыз уруулары баш кошуп, кас жоонун чабуулуна каршы туралышкан эмес.

XVII–XVIII кылымдарда Цин империясынын тышкы баскынчылык саясаты күч алган. Цин монархиясынын аскер күчү менен каратып алуу аракетинин алгачкы объектилеринин бири Монголия болгон. Халханы басып алган соң, манжуу өкмөтү бүт күч-аракетин жуңгар ханы Галдан менен кармашууга бурган.

Жуңгарияны басып алгандан кийин манжуулар Чыгыш Түркстанды каратып алышка кам ура башташкан. Көптөгөн изилдөөчүлөр акыйкат белгилешкендей, Борбор Азияда басып алуу саясатын жүргүзүүдө Цин империясы «жапайылардын колу менен жапайыларды каратуу» жолжобосун тутунган. Жуңгар хандыгына каршы согушта

Циндер казактарды, ал эми Чыгыш Түркстанга каршы кармашта кыргыздарды пайдаланышка аракет кылышкан.

Цин Кытайынын Орто Азия жана Казакстан калктарына карата жүргүзгөн саясатын изилдөө ишине советтик кытай таануучу-тарыхчылар Л.И. Думандын, В.С. Кузнецовдун, Н.С. Мадеюевдин, К.Ш. Хафизованын айрым эмгектери менен макалалары арналган.

Авторлор расмий Цин тарыхнамасында Кытайга цивилизациялашкан дүйнө, ал эми Кытай менен ар кандай алака-мамиле түзүшкөн калган калайык-калктарга жана мамлекеттерге Көкө теңир жалгаган дөөлөт башындагы бийик мартабалуу өкүмдардын жапайы букаралары катары караган концепция көптөн калыптанган Кытайды көтөрө чалып көкөлөтүүчү көз караштар өкүм сүрүп келгенин көрсөтүшөт.

Чыгыш Түркстан жөнүндө кол жазмалар жана алардагы буруттар тууралуу маалыматтар

Төмөндө сөз болуучу кол жазмалар Константин Андрианович Скачковдун (1821–1883-жж.) Москвадагы В.И.Ленин атындагы мамлекеттик китепканада сакталып турган кол жазма китептер, карталар жана сүрөт альбомдор коруна кирет3. Бизди кызыктырганы – кордун экинчи бөлүгүндөгү 1859–1863-жылдары Чугучакта түзүлгөн Синьцзянь коллекциясы. Синьцзянь коллекциясындагы кол жазмалардын ичинен биздин тема үчүн айрыкча маанилүүсү – тарыхый-географиялык эмгектер. Адатта алар тарых, физикалык география, калктын саны жана курамы, бийлик түзүлүшү, эл чарбасы (дыйканчылык, өндүрүш, өнөр-кесип, суу чарбасы, алык-салыктар), агартуу, калайык-журттун тиричилиги боюнча маалымат берет; кайсы бир жагынан атак-даңкы чыккан жергиликтүү адамдардын өмүр таржымалын, ошондой эле бутканаларды, храмдарды, эстеликтерди жана башка ар кандай кастарлуу нерселерди сыпаттап көрсөткөн кабарларды өз ичине камтыйт. А.И. Мелналкснис тастыктагандай, жергилик энциклопедияларды түзүүдө бийлик мекемелеринин архивдери менен мансап адамдарынын жекече байкоолору негизги булак катары кызмат кылган. Алгачкы түрүндө андай эмгектер кызмат адамдарынын өздөрү үчүн маалымат китеби иретинде түзүлүп, жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнүн такай колдонуучу таберик китептеринен болушкан. Тарыхчылар үчүн бул баа жеткис булак, анткени анда көп учурда эч жерден табылбай турган маалымат-кабарлар камтылган5.

Биринчи Синьцзянь корунда «Батыш аймактар баяны» («Сиюй-чжи») бар6. Кол жазма 1763–1770-жылдарга таандык. Кол жазманын текстинде эң акыркы эскерилген дата – 1763-жыл. 1770-жылдан кийинки окуялар эскерилген эмес. Мазмуну Синьцзянды каратуу тарыхы, картаны түшүндүргөн текст, мусулман журтбашыларынын тизмеси жана алардын айрымдарынын өмүр баяны жөнүндө маалыматтар, каратыла элек мусулман калктары тууралуу кабарлар, калайык саны, география, жол катнашы, коңшу, кытай эмес эл-журттар (1-китеп); дыйканчылык, суу чарбасы, соода-сатык, акча жүгүртүү, маданият, турмуш-тиричилик (2-китеп); бийлик түзүлүшү, алык-салык системасы, эстеликтер жана башка кастарлуу нерселер (3-китеп)7.

Биринчи китепте кытай эмес элдер, алардын ичинде буруттар жөнүндө маалымат берилген. Цин империясынын тышкы саясатынын жалпы принциптерин чагылдырган ал кездеги расмий кытай терминологиясы боюнча, буруттар «сырттагы жапайылар» деп аталган.

Сөз болуп жаткан кол жазмада жана ошондой эле биздин эмгекте колдонулган XVII кылымдын акыры менен XVIII кылымдын башындагы окуялардын кабарын камтыган бөлөк кытай булактарында кыргыздар Тянь-Шанга качан кантип келгени жөнүндө эч кандай маалымат жок. Кол жазманын биринчи китебиндеги буруттар жөнүндө баянда алар түпкү теги жагынан Бу-хэ-эр (Бухара) деген жерде жашап турган элден келип чыгышат деп маалымдалат. Андан ары кол жазма жаралган мезгилден болжол менен эки-үч жүз жыл илгерки буруттар тарыхына, башкача айтканда, XVI кылымга таандык окуялар элдир-селдир баян этилет. Анда кыргыздар ойроттор менен кармашып, «тополоңдон качып, тоо жамынган», эки ажырымга-түндүк жана түштүк канаттарга бөлүнүшкөн кыйын кезеңдер жөнүндө сөз болуп жатканы шексиз. Кытай булагы түштүк канатына (То-го-со-хо-лэ): кыпчак, каратегин, багыш, адигине, бөрү, найман, жору, төөлөс урууларын таандык кылат. Түндүк канатына (Кэ-эр-гэ-ци-сы): саяк, сары багыш, кытай, кушчу, саруу, моңолдор, солто, ават, мундуз, басыз, черик урууларын кошот. Тогосохол жана Кэргэцисы (Тогуз-огул жана Кырк-кыз) канат аталыштары кыргыз элинин түзүлүшү жөнүндө башка, айталы, мусулман булактарынан белгилүү болгон уламыштар менен анча коошпойт.

Булакта кыргыздардын (буруттардын) мусулмандардан сырткы айырмачылыгы жана ислам динин тутпашы кайра-кайра баса белгиленет.

Бул кол жазмада баяндалган (негизинен, оң жана сол канат) урууларынын жайгашуусу жайындагы маалыматтар эң эле маанилүү. Анткени анда жайкы жайыттардын (аерде мал жайган үй-бүлөлөрдүн саны) жана кыргыздар дыйканчылык кылган кыштоолордун орду көрсөтүлгөн. Кытайча транскрипциясында аябай бурмаланып кеткен айрым географиялык аталыштарды айгинелеш кыйла кыйынчылык туудурат. Азыр айтарыбыз, оң жана сол канат кыргыз урууларынын жайгашуусун баяндоодо булар түндүк-түштүк канаттары делинип, алар жашаган географиялык аймактар булакта төмөнкүдөй ыраатта аталып өтөт: Ысык-Көл кылаасы, Чүй, Талас, Фергана, Ош, Өзгөн. Ошону менен бирге, түндүктөгү тоолордо (Тянь-Шань) түштүк канатындагы уруулар, а түштүктөгү тоолордо (Алай, Фергана тоо кыркалары) түндүк канатына кирген уруулар жашары белгиленет. Бул маалыматтар, көрүнүп тургандай, XVIII кылымдын баш чагындагы түзүлгөн жагдайды чагылдырат. Бирок булар көп жагынан толук эмес экенин да белгилей кетүү керек. Анын үстүнө, кол жазманын бир барагы (кыргыз урууларынын ЫсыкКөл аймагынан чыгышка жана түндүк-чыгышка карай жайгашуу тартибин маалымдаган баяндын башы ушунда болушу керек эле) жок.

Жазылган баяндан көрүнүп тургандай, кыргыздар мал күтүшкөн, дыйканчылык кылышкан, аң уулашкан; ашкан малын алар Чыгыш Түркстандын жергилик калкына соодалашкан же данга жана кездемеге айырбашташкан.

Биринчи китептин акырында Чыгыш Түркстандын чоң шаарларынын айланасындагы Цин кароолдору тууралуу маалымат берилет. Бирок көптөгөн жаңылыш жазуулар жана керексиз кайталоолор орун алгандыктан, кароолдор системасы жөнүндө «Мусулман аймагы жөнүндө баян» кол жазмасынан жана кийинки сыпатталган башка булактардан маалымат алган оң. Биринчи китептин башка бөлүктөрүндө буруттар жөнүндө айрым ой-пикирлер кездешет.

«Сиюй чжинин» экинчи китебинде соода-сатык, үрпадаттар жөнүндө маалымат бар, ал эми Чыгыш Түркстан менен Орто Азия элдеринин кийим-кечеси тууралуу бөлүк тө кыргыздардын кийим-кечесинин, баш жана бут кийимдеринин сүрөтү тартылган.

Аталышы айтып тургандай, үчүнчү китепте буруттар жөнүндө маалымат жок. Бирок кол жазманын биз пайдаланган нускасында, биринчи китептин «Сырттагы жапайылар жагдайы» («Вайи цинсин») деген үчүнчү бөлүгү үчүнчү китепке жаңылыш тиркелип калган, же болбосо кол жазманын башка бир нускасынан эң акырында көчүрүлүп жазылган. Андан Чыгыш Түркстан менен Орто Азия шаарларынын жол катнашын баяндаган жерлерден, буруттардын (кыргыздардын) урук-журттары көчүп-конуп жүрүшкөн чөлкөмдөрдү бөлүп көрсөтсө болот.

К.А. Скачковдун корунда дагы бир кол жазма бар. Ал Суэрдэнин «Хуйцзян чжи» («Мусулман аймагы жөнүндө баян») аттуу эмгеги. В.И. Ленин атындагы китепканада бул эмгектин эки көчүрмөсү сакталуу; биз алардын болжолдо 1785-жылы жасалган кол жазмасынын көчүрмөсүнөн пайдаландык. Текст төрт бөлүккө бөлүнгөн.

Суэрдэ 1772-жылы жазган кириш сөзүндө бул «Баян…» Кашкардын мурдагы аскер губернатору Юнгуй менен муруңку цаотай Гушихэндин ушул эле аталыштагы эмгегинин кайра иштелген варианты экенин көрсөткөн. Фусэньбунун кол тамгасы коюлган экинчи кириш сөздүн датасы көрсөтүлгөн эмес. Датасы жок үчүнчү кириш сөзгө Цзямухулук Дафунун колтамгасы коюлган. Ал 1783-жылы Кашкарга кызматка дайындалып, Суэрдэнин «Бая нын…» эң соңку маалыматтар менен толуктаган. Толукталган маалыматтардын акыркылары 1784-жылга таандык.

Кыргыздар тууралуу баяндын тексттери эки көчүрмөдө тең – № 288 (438) жана № 289 (435)9 – бирдей экенин белгилей кетүү керек. Бирок биринчи көчүрмөдө Чыгыш Түркстан менен Орто Азия этнографиялык типтеринин сүрөттөрү жок. Алардын ичинде кыргыз эркектери менен аялдарынын сүрөтү болгон.

«Хуйцзян чжинин» биринчи бөлүгү Чыгыш Түркстандын жаратылыш шарттарын сүрөттөп жазууга арналган. Анда кыргыз конуштарынан Аксуга, Кашкарга, Яркендге жана башка шаарларга баруучу жолдор көрсөтүлгөн. Экинчи бөлүктө Чыгыш Түркстандын жергиликтүү калкынын коңшулаш көчмөн уруулар жана элдер менен болгон соода-сатыгы тууралуу маалыматтар келтирилген. Чыгыш Түркстандын бийлик системасы сыпатталган үчүнчү бөлүктө Кашкарга жакын жерлерде көчүп-конуп жүрүшкөн кыргыздарга (буруттарга) дайындалган хаким-бектер аталган. Төртүнчү бөлүк финансы жана алык-салык системасына арналган; анда «сырттагы жапайыларга» тийиштүү маалыматтар бар. Бул бөлүктө, ошондой эле Кашкар, Куча, Аксу, Үч-Турфан, Яркенд сыяктуу шаарлардын айланасындагы цин кароолдору тууралуу да баяндалган. Башка булактарга салыштырмалуу, кол жазмада чегарадагы кароолдор системасы абдан так мүнөздөл гөн, жана ошондой эле кыргыздардын (буруттардын) конуш журттарына баруучу жолдор көрсөтүлгөн. Бөлүктүн акырында айрым жерлердин жана «сырттагы жапайылардын», анын ичинде казактар менен кыргыздардын кабары баяндалган.

К.А. Скачковдун Синьцзянь корунда Чунь Юандын «Ци-ши-и» (1777-ж.)10 («Алман журттар жөнүндө аңгемелер») аттуу эмгегинин кол жазмасы бар.

XVIII кылымдын акыры менен XIX кылымдын ортосуна таандык көчүрмө 4 китептен турат. Басмадан чыккан вариантындагы автордук кириш сөз менен Синьцзяндын картасы мында жок; 1814-жылкы жана андан кийинки басылып чыккандарына караганда, негизги текст толугураак берилген. Төртүнчү китепте Кытайдын батыш жагында жайгашкан өлкөлөр жөнүндө баяндалган; анын ичинде кыргыздар (буруттар) тууралуу да маалымат бар; котормосу ушул эмгектин тиркемесинде берилет.

«Мусулман аймагы жөнүндө баян» («Хуй цзян тун чжи») кол жазмасы. Хэниндин эмгеги 1804–1863-жылдарга таандык көчүрмө. Чыгыш Түркстанды тарыхыйгеографиялык жактан сыпаттап, айрым ишмерлердин өмүр таржымалын баяндап жазган эмгек. Кол жазма төрт китептен турат. «Сырттагы жапайылардын тайпа-журттары» («Вайфань було») деген акыркы бөлүгүндө буруттардын чоңбагыш, кушчу, черик, моңолдор, сарыбагыш, саяк, чекир-саяк, ават, тейит, каратегин, найман, кыпчак, сарт кыпчак, кыпчак-тору айгыр, сарыкол урууларын башкарган кыргыз бийлеринин мансап даражасынын тизмеси, жана ошондой эле ал уруулар жердешкен чөлкөмдөр көрсөтүлгөн.

Синьцзянь коруна кирген дагы бир кол жазма «Чегара аскер кароолдорун уюштуруу» («Шэли калунь») деп аталат12. 1862-жылы Чугучактагы губернатор кеңсесинин архивинен көчүрүлүп алынган. 1758-жылдан 1862-жылга чейинки мезгил мерчеминде Синьцзянда жайгашып турган чегара кароолдорунун түзүлүшү, саны, улуттук жана уруулук курамы тууралуу маалыматтар камтылган. Колжазмада буруттар жөнүндө маалымат жок, бирок кыргыз урууларынын конуш журттарына жакын жерлердеги чегара кызматынын системасы мүнөздөлгөн.

Жогоруда сыпатталган кол жазмалардын жана ошондой эле «Сичуй яолюе» («Батыш аймагы тууралуу негизги маалыматтар жыйнагы»), «Циньдин Синьцзянь шилюе» («Улуу мартабалуу өкүмдар бекиткен Синьцзянь баяны») сыяктуу булактардын маалыматтары Синьцзяндагы чегара кызматынын системасы, кыргыз (бурут) урук-журттарынын жайгашуусу, алардын чарбачылык турмушу тейиндеги бир катар маселелерди карашка мүмкүндүк берет.

Цин сулалесинин расмий хроникалары

Цин сулалесинин тышкы саясатын, анын ичинде кыргыздар менен Цин империясынын карым-катнашын изилдеп үйрөнүүдө «Да Цин личао шилу» («Улуу Цин сулалесинин бардык өкүмдарларынын башкаруусу тууралуу акыйкат жазмалар») аттуу булактын мааниси баа жеткис13. Расмий документтердин хронологиялык принципте түзүлгөн бул ири жыйнагы манжуу-мин өкүмдарларынын 1583-жылдан тартып, 1912-жылга чейинки бийлик жүргүзгөн мезгил мерчемдерин өз ичине алат.

«Да Цин личао шилу» 122 папкада (тао) топтолгон 1220 томдон турат. Ар бир тому бөлүктөргө (цзюань) бөлүнүп, көлөмү 100–110 бетке чамалап барат. Бул басылма 1937жылы Японияда жарыяланган14.

«Шилу гуань» деген атайын мекеме тарабынан кытай, манжуу жана моңгол тилдеринде даярдалган «Шилу» мурунку өткөн өкүмдарлардын даанышмандыгын жана жасаган иштерин даңазалаш үчүн гана эмес, ошондой эле императорго ибарат өрнөк иретинде да жазылган. Алар өкүмдарлык жүргүзүүчү үй-бүлөнүн жашыруун архивдеринде сакталып, императордун үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары, эң жакын санаалаш бийик мартабалуу мансап адамдары менен саналуу тарыхчыларга гана жеткиликтүү болгон. Ошол ишенимге арзышкан тарыхчылар кийин «Шилунун» негизинде сулалелердин расмий тарыхын түзүш көн. Тарыхый эстелик катары «Шилунун» мааниси айрыкча экени талашсыз. Арийне Цин доорунун ар кыл тарыхый проблемаларын жана ошондой эле Цин империясынын тышкы саясатын иликтешкен изилдөөчүлөр тарабынан «Шилунун» материалдары өтө сейрек пайдаланылган.

XVII кылымдагы манжуу-моңгол мамилелерин изилдеген И.С. Ермаченко «Да Цин личао шилунун» материалдары жана ошондой эле башка кытай булактары да сын көз карашты талап кыларын баса белгилейт. Анткени окуялардын расмий түрдө түшүндүрүлүшү көп убактарда ошол эле булактагы фактыларга карама-каршы келет.

Эмгекте Канси (1662–1722-жж.), Юнчжэн (1723– 1735жж.), Цяньлун (1736–1795-жж.) бийлиги тушундагы «Шилу» пайдаланылды. Башка изилдөөчүлөр сыяктуу эле биз дагы «Пиндин чжуньгээр фанлюе» («Жуңгарияны тынчытуу баяны») эмгегиндеги көптөгөн документтер «Шилуда» орун алганына көңүл бурдук15.

1770-жылы түзүлгөн «Пиндин чжуньгээр фанлюе» эмгеги 1755–1765-жылдар аралыгындагы окуяларды баян дайт. Булактын акыркы эки бөлүгү (биринчи бөлүк – «цянь бян», 54 цзюань, экинчи бөлүк – «чжэн бянь», 85 цзюань, үчүнчү бөлүк –«сюй бянь», 32 цзюань) Цин империясынын казактар жана кыргыздар менен болгон карым-катнаш тарыхы боюнча кеңири материалдарды өз ичине камтыйт.

Кыргыздар туурасындагы документтердин чоң бөлүгү «Пин-чжуньда», «Шилуда» жана «Дунхуа луда» кайталанат. «Дунхуа луну» иликтешкен изилдөөчүлөр бул хроника формасы жагынан «Шилуну» кайталап, мазмуну боюнча аны кыскача аңгемелерин белгилешет. Алгач ирет «Дунхуа лу» («Дунхуа турак жайында жаралган жазмалар») 1765-жьиы Цзян Лян-цинин жетекчилиги астында даярдалып, Цин сулалеси бийлигинин адеп башталышынан 1735-жылга чейинки окуялар баянын өз ичине алган.

Кийинчерээк «Дунхуа лу» улантылган16.

Жогоруда аталган үч эмгектин материалдары манжуулар Жуңгария менен Чыгыш Түркстанды караткан убакта Борбор Азияда болуп өткөн тарыхый окуялардын жүрүшүн калыбына келтиришке, ошондой эле Цин империясынын кыргыздар жана казактар менен кандай карым-катнаш жүргүзгөнүн толук турпатында акыйкат аңдап билишке мүмкүндүк берет. Бөлөк кытай булактары сыяктуу эле аталган хроникалар дагы сын көз карашты талап кылат. Анткени окуяларды расмий эмгектерде баяндап жазуу жана чагылдыруу ар дайым бийликтеги сулаленин мүдөөлөрү менен байланыштуу болуп келген.

XIX кылымдын башындагы булактардан эмгекте «Циньдин Синьцзянь шилюе» («Улуу мартабалуу өкүмдар бекиткен Синьцзянь баяны») жана «Сичуй яолюе» («Батыш аймагы тууралуу негизги маалыматтар жыйнагы») пайдаланылды17.

Эскертүүлөр:

  1. Цзян Лян-ци. Дунхуа лу, б. м. иг., цз. 17, 11-б.
  2. И.Я. Златкин. История Джунгарского ханства.–М., 1964, 332-б.
  3. А.И. Мелналкснис. Описание китайских рукописных книг и карт из собрания К.А. Скачкова. –М., 1974.
  4. Ошол эле эмгекте, 11-б.
  5. Ошол эле эмгекте, 11, 12-б.
  6. Государственная библиотека СССР им. В.И. Ленина. Отдел рукописей, фонд 274, рукопись № 287, (445); кар.:А.И. Мелналкснис. Көрс. эмгек, 198-б.
  7. А.И. Мелналкснис. Көрс. эмгек, 198-б.
  8. Государственная библиотека СССР им. В.И. Ленина. Отдел рукописей, фонд 274, рукопись № 289, (435); кар.:А.И. Мелналкснис. Көрс. эмгек, 200-б.
  9. Кар:.А.И. Мелналкснис. Көрс. эмгек, 199–201-б.б.
  10. Государственная библиотека СССР им. В.И. Ленина. Отдел рукописей, фонд 274, рукопись № 292, (444); кар.:А.И. Мелналкснис. Көрс. эмгек, 202-203 б.
  11. Государственная библиотека СССР им. В.И. Ленина. Отдел рукописей, фонд 274, рукопись № 296, (448); кар.:А.И. Мелналкснис. Көрс. эмгек, 205-б.
  12. Государственная библиотека СССР им. В.И. Ленина. Отдел рукописей, фонд 274, рукопись № 330, (456); кар,:А.И. Мелналкснис. Көрс. эмгек, 221-б.
  13. К.А. Скачковдун корун сыпаттоодо колжазманын өзүнүн текстинен алынган 1743-жыл деген дата көрсөтүлгөн. Бул датанын жаңылыш экени кол жазманын маалыматтарын талдоодо айтылат.
  14. Булактын мүнөздөмөсүн кар.: Г.В. Мелихова. «Да Цин личао шилу» как исторический источник,-»Страны дальнего Востока и Юго-Восточной Азии (Проблемы истории и экономики), М., 1969, 68–79-бб.; И.С. Ермаченко. Политика маньчжурской династии Цин в Южной и Северной Монголии в XII в., 1974, 7–9-бб.
  15. Булактын мүнөздөмөсүн кар.: К.Ш. Хафизова. «Пиндин чжуньгээр фанлюе» как источник по истории взаимоотношений Цинской империи с казахскими ханствами во второй половине XIII века. АН СССР, Ин-т востоковедения. Конференция молодых научных сотрудников и аспирантов. (Тезисы докладов), 1972, 139-140 бб.
  16. И.С. Ермаченко. Көрс. эмгек, 12–13-бб.
  17. «Циньдин Синьцзянь шилюе», /б. м./, 1821, цз. 12. Кар.: К.Ш. Хафизова. «Синьцзянь шилюе» как источник для изучения истории взаимоотношений Цинской империи с Казахстаном и Средней Азией. Научная конференция «Общество и государство в Китае». Доклады и тезисы. – М., 1971, 172–173-бб.; «Сичуй яолюе», б. м., 1807.

 

ТЕКСТТЕР

ЖУНГАРИЯНЫ ТЫНЧЫТУУ БАЯНЫ

«Пиндин Чжуньгээр Фанлюэ»

(Бохэндин редакциясы астында)

Чженьбянь

Жаңыдан каратылган калкты кандайча башкаруу жөнүндө

11-БАП

Цяньлун бийлигинин 20-жылы, 1755-ж.

17б Мамлекеттик кеңештин (Цзюньцзи дачэнь) министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Юн Чан кабарлагандай, жаңыдан каратылган буруттардын 300дөн ашуун түтүн үй-бүлөсү ээнбаштык кылып, мурдагы конуш журтуна качып кеткен. Бу качкындардын башынан эле орчундуу иштерге тиешеси жок болучу, бирок Юн Чан алардын качканын билээр замат, биргелешип кармап келгиле деп солондор менен барху жоокерлерин жөнөткөн. Кууп жетип кайрый алышпаган күндө да, кептин ачыгы, кармаштын кереги жок. Агер жай-жайына жайланышкан жашыл байрак аскерине жоокерлердин кереги жок болсо, анда ишибиз илгери жылганча убактылуу кармабай коё туралы.

18б Бу буруттарды башкача башкаруу кажет, а Юн Чан болсо куугунду жана аларды кармашты жакшы уюштура алган жок.

Арийне, Галцзан Дорчжиге өкүл жөнөтпөй туруп, качкындарды кайра кайтарыш үчүн жоокер күчү керекпи же керек эмеспи деп кайта-кайта такый берүү иштин чоо-жайын түшүнө билбегендикти далилдейт.

Айтылуу генерал Юн Чан Или чөлкөмү каратылгандан кийин бу качкындардын баары башкача жол менен теске салынарын Чаоцзиге жана Баньдиге билдирди. Юн Чан ошондой эле жаңы баш ийдирилген ци-ци-кэ-ба-сы-ха (ка) өтө каатчылыкта жашашарын жана азык-оокат жагынан жардам үмүт этишээрин кабарлады. Көптөрү каракчылык менен күн көрүшөт. Жуңгар урууларынын ич арасы тозтополоң. Даңктуу аскерибиз келип, жаңы эле тынчытты.

18б Алардын арасында каракчылар жоктугуна кандай кепилдик бар. Тынчытып, тартип орноткондон кийин, албетте, алардан арылуу зарыл. Кедейлерине келсек, жайсаң (зайсаң) Салар башкарууну өз колуна алып, бара-бара баарын жөнгө салышы ылаазым. Же жергиликтүү бай үй-бүлөлөрдү каржалгандарга каралашкыла деп милдеттендириш керек, болбосо өздөрүн жер иштетип жан багышка мажбурлоо зарыл. Ички аймактардан азыктүлүк жеткириштин түк да зарылчылыгы жок. Алардын арасында кантип сыйлык бөлүштүрүү жагын айтсак, бу маселе боюнча Баньдини жагдайга жараша иш жасоого милдеттендирген жарлык чыгардык. Бул ишке Юн Чан кийлигише албайт. Баньдиге, Амурсанага, Саларга биздин көрсөтмөлөргө ылайык ынтымактуу башкаруу жагы айрыкча баса көрсөтүлдү.

13-бап 1755-ж, 6-ай.

22а Динбэй цзянцзюнь Баньди Давацинин урук-туугандарын кармаганын кабарлады.

Даваци калган-каткан аскери менен тымызын из жашырып кетти. Эки багыттын аскери артынан куугунга жөнөштү. Сары изине сая түшкөн аскерлер бир багыттан Давациге кошулуп баратышып, тобунан адашып калган эки миңден ашуун адамды кармашты. Даваци менен бирге калгандардан, бар болгону жүздөн ашуун адам көз жазгырганга үлгүрүштү. (Өз) конуш жайларына кайтып келгенден коркуп, ууру жол менен Куйлук кырка тоосу аркылуу буруттардын жерине качышты.

22б (Биздин) букараларыбыз Цэньгуньчжаб, Нэмоку, Чжалафэна, Аожунань Даваци көчүп-конуп жүргөн журттарга барышып, анын бүт урук-тууганын, ламаларын (6 миңден ашуун адам) жана ошондой эле коңшу уруулардын элин кармашты. Даваци дагы бир аз убактынча аманэсен калар, бирок артынан цаньцзань дачень Аланьтай, ван Баньчжур, Цэрен-Убаш чогуу күч менен кубара кууп барат, кыязы, кутулуп кетиши кыйын го. Анын үстүнө, буруттар Даваци менен эчактан жоо, жанынын аманатын сураса, эч качан калкалап калышка макул болушпайт. Дайын-дарегин сураштырып билгиле деп өкүлдөрдү жөнөтүп койдум, (аны) тезинен кармоо кажет. Сиздин кызматчыларыңыз Баньди, Амурсана, Салар бир жерге чогулушту, кандай аракет кылышты болжошуп, аткарууга киришүүлөрү тийиш.

23а Улуу өкүмдарлык буйрукка ылайык ойроттордогу кырдаал козөмөлгө алынсын, ырааттуу түрдө аткарылсын жана билдирилсин.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Баньди билдиргендей, Даваци аялын таштап, жүздөн ашуун кишиси менен буруттарды карай качты. Аланьтай аскерди баштап артынан сая түштү, жакында кармашы керек. Даваци – тополоң салган козголоңчу, аны эч колдон чыгарышка болбойт. Буруттардын чегине кире качканы чын болсо, Давацини кармап бергиле деп көндүрүш үчүн Баньди ал жактарга кыраа кишилерди жиберет. Бирок Давацини кармашка аскер жөнөтүштүн кажети жок, тапшырманы аткарууга ишенчиликтүү кызматкерлерди жиберүү жетиштүү.

23б Амурсана менен Салар ал жерлердеги жагдайды жакшы билишет жана ишти бир жаңсыл кылышта Баньдиге жардам беришмекчи. Аны сөзсүз колго түшүрүш керек. Жуңгарлар азыр толугу менен тынчытылды, бир гана адам – Даваци али кармала элек, болгон аракеттин баарын колдонуу зарыл.

Мурда расмий кабыл алууга келгендер мансап алышчу. Амурсана тууралуу айтсак, канча адам менен качан чыгары жана канча күндө жетип келээри такталып, тез арада билдирилсин. Ал бу жолу Давацинин урук-туугандарын кармап берди. Жортуулда айырмаланган офицерлерди, жоокерлерди, генералдарды Баньди өзү текшерет жана билдирет, баары тең сыйлыкка көрсөтүлөт.

14-бап

Динбэй цзанцзюнь Баньди Давацини куугундоо кандайча жүргөнүн кабарлайт.

Баньди билдирди: Даваци жашыруун качкан соң, мен эки тарапка кайгуул жана цаньцзань дачень Цэньгуньчжабаны бири-бирине удаа ар башка багыт менен куугунга аттандырдым. Дагы цаньцзань дачень Аланьтайды аскер менен буктурма коюшка башка багытка жөнөттүм. Цэньгуньчжаб Давацинин конуш журттарына барып, анын бүт урук-тууганын, ламаларын (6 миңден ашуун адам) жана жакын арада көчүп жүрүшкөн кишилерди кармап келди. Дардана Давацини Куйлук зоосуна дейре кууп барып, буруттардын жерине өтүп кеткенин көргөн. Жоокерлерим менен атчан аскерим алсырап бүттү; азык тарткан (унаа) артыбыздан үлгүрүп жете албай жатты; айлананы түрө чалдырдык; Куйлук кырка тоосунан ары жол уйгур шаарына жана бурут урууларын көздөй кетээрин көрүп, кайра тарттык. Даваци жанын ала качып, же буруттарга, же уйгур шаарына кирип кетти, болбосо жакын бир жерге жашынды, мунун баары ачык эмес.

Соңунан циньван Цэрен-Убаш 800 жоокер менен чалгынга аттандырылды, ошондой эле Давацини кармап беришсе өздөрүнө жакшы болорун жарыя кылган буйрукту түшүндүрүү максатында уйгурлар менен буруттардын ар кайсы жерлерине дайвэйлер жана тайчылар (тайчжи) тандалып жөнөтүлдү.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Баньди билдиргендей, Дардана менен Цэбдэнджаб Давацини Куйлук зоосуна чейин кууп барышып, буруттардын чегине кирип кеткенин көрүшкөн. Ушу тапта Давацини тутуп беришсе, өздөрүнө жакшы болорун жарыя кылышка адам жөнөттүк. Бу жолу жоокерлерди аттандырыш кур убарачылык. Эли-журту жапырт моюн сунду. Жана качкын Давацини кайра кайтышка мажбурлаш зарыл эмес. Даңазалуу аскерибиз каракчынын артынан сая түштү жана жакын арада чындап жалтанбастан алга жылып, (аны) сөзсүз кармабай койбойт.

Кантип ал жылт коюп кутулуп кетмек эле? Буга жоокерлерибиз менен офицерлерибиздин эр жүрөктүүлүгү жол бербейт. Бирок иштин жөн-жайы бул болду, жарым жолдо аттар алсырап калды, ушундан улам кайра тартууга (туура келди). Арийне, Даваци качып жүргөндө анын аттары арып-чарчабаса керек деп айталбайм. Агер алар (б.а. жоокерлер) (Давацини) кууп жетип колго түшүргөнгө күч үрөбөй жатышабы деп жорусак, бул жазага татыктуу. Жок, алар Или чөлкөмүн багынтууда эрдик көрсөтүшкөнүн эстесек, азырынча кечирим кылышка арзышат.

Баньдиге, Амурсанага, Саларга Давацини кантип болбосун кармаш керектигин айрыкча баса көрсөтөбүз. Азыркы учурда Даваци же тоо-токойдо жашынып жүрөт, же уйгур урууларына качып кирип кеткен, кайсынысы болбосун, таап кармаш оңой эле.

Аланьтай менен Эрдэнэ алдын торой буктурма коюшту, бирок Давацини кармай алышабы же жокпу белгисиз. Эгер ал буруттарга кире качкан болсо, Баньди кайрып берүү талабы менен киши жиберет. Иштин маанилүү экенин түшүндүрүп, аларды (Давацини) кармап беришке милдеттендирүү зарыл. Кымындай да коркоктук кылышка жана буруттар бул ишти тоготпой коюшуна жол беришке болбойт. Андан соң жиберилген адам биздин даңктуу аскерибиз кайрадан терең жүрүш жасарын жарыялайт.

Биз Или чөлкөмүн жаңы эле караттык, андыктан айкөлдүк көрсөтүп, жаңыдан багындырылган элди тынчтандырышыбыз керек. Азыр ойрот жоокерлери кутуруп каракчылык кылышууда, мыйзамдарды бузушууда. Генерал (аларды) катуу териштирип, камакка алууга, аскер мыйзамдары боюнча жазалоого тийиш. Сактык үчүн адегенде (тополоңго) тыюу салуу туурасында буйрук жарыялансын; муну алар билип, корккондой болсун.

Расмий кабыл алууга чектелгендер жөнүндө айтсак, (аларды) дайындап, күн мурунтан жөнөтө берген дурус. Бирок Даваци али колго түшүрүлө элек. Жаңыдан багындырылгандардын арасында чындап баш ийгендери да, ошондой эле аскердин күч-кубатынан коркуп ындыны өчкөндөрү да бар. Адамдардын маанайы али бүдөмүк.

Казак жана бурут урууларына байланыштуу жагдайда али бардык иштер аткарыла элек. Булардын карамагындагы жерлерде иш жүргүзүш үчүн жагдайга жараша кызматчы дайындап калтыруу жагы аскерге милдеттендирилсин. Мен циньван Цэренди, Цэрен-Убашты, Нэмокуну жөнөтүштү кеңешип-кестим. Өткөн жылдагыдай эле (бу жолу) да басып кирбейбиз.

11а Динбянь цзянцзюндун жардамчысы Саларга буйрук, жоокерлерди баштап, Давацини колго түшүрүш үчүн буруттарга аттансын.

Мамлекеттик кеңештин. министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Баньди кабарлагандай, Давацини кармоо боюнча жайсаң (зайсаң) Цэрен-Доржи суракта Даваци буруттардын журтун карай качып кеткенин айтып, күбө өттү.

11б Биздин аскерибиз терең жүрүш жасап, Или чөлкөмүн каратты. Амурсана жана Салар жеңил атчан аскер менен капыстан кол салышса, Даваци кармалат. Цзянцзюнь Илини багынтып, бир аз дымак күтүп калганынан пайдаланып Даваци качып кетти. Императорго алгачкы билдирүүдө Даваци жүз киши менен качканын кабарлашты эле. Азыр эми миңден ашуун адамды ала кеткенин айтышууда. Анын качан качканы тууралуу мурунку жана кийинки маалымат да бирдей эмес. Азыр күч жыйнап, (Давацини) колго түшүрүү зарыл. Ушу тапта Баньчжур менен Аланьтай аскер менен кармоого кетишти, турукка (лагерге) кайтып келише элек. Эгерде Баньчжур (аны) кармаса, эң жакшы болор эле. Кармай албай калган болсо, анда Давацинин буруттарга кирип кеткени анык. Баньди менин көрсөтмөмө ылайык буруттар буйрукту орундап, (аны) кармап беришин жарыялоо жана талап кылуу максатында киши жиберди деп ойлойм. Эгерде дароо кармай алышпаса, даңазалуу аскерибиз азыр Или чөлкөмүнө топтолгон. Цзянцзюндун жардамчысы Салар тандамал миң жоокерди баштап буруттардын чегин көздөй жүрүш кылып, анда өргүп жайланышат жана өзүнүн күч-кубатын көрсөтөт. Тайманбаган тажрыйбалуу киши тандап, буруттарга жөнөтөт. (Ал) эгерде кичине эле олку-солку болушса, аскер күчү дароо согушка даярданып, керек кезде Давацини колго түшүрөрүн көшөрө түшүндүрөт. Бул иш өтө маанилүү, ыңгайлуу кырдаалды эч колдон чыгарышка болбойт. Салар айрыкча ыкылас-ынтаа көрсөтүшү жана эч бир жаңылбашы керек. Баньди менен Амурсана иштерди жөндөш үчүн убактынча Илиде калышат. Салардын согуштук аракеттеринин абалы жөнүндө өз убагында токтоосуз билдирилип турсун.

35а Динбэй цзянцзюнь Баньди Амурсана аскерлерди өзү билип которуштуруп жатканын жашыруун кабарлады.

Баньди билдирет. Халхасца бэйлэ Цэбдэнджаб билдирген маалыматка караганда, Амурсана казактар менен буруттардан коргонуш үчүн 9 миң аскер колун которуштуруп, эки жерге топтоого көрсөтмө берген. Бул иш мурда макулдашылган бекен же жокпу, билиш үчүн тымызын суроо жөнөттук. Менин оюмча, Амурсана мурда эч акылдашкан эмес. Мен кайта-кайта такып сураганда гана, ал мурда казактардан буруттар чегарада талоончулук жасап жатышканын кабарлаган маалымат түшкөнүн айтты. Ошондуктан Борохуцзирде казактарды калкалап, конуш-жайыттарды коруш үчүн Боротал отогунан 500 жоокер алышкан. Ал эми Алимату (Алматы?) отогунан Будуньамань деген жерге туруктуу жайгаштырыш үчүн 4 миң кол жыйнашкан.

36а Мен казактар менен буруттарды айыптайм. Басып кирүүгө жана жоокерлерди ар кайсы жерге чачууга кантип батынышты! Тополоң салган көчмөндөр бар болсо, анда даярданып, (ошол жакка) аттануу жана жеринде тыюу зарыл.

Амурсана айтат: казактар менен буруттар мурда эле келишкен деп. Эгерде аларды кайта кетишке көндүрсө жакшы. Жок, кутуруп каракчылык кыла беришсе, белен турган аскерлер аларды жолдон оңой эле колго түшүрүшөт. Көчмөндөр мурдагыдай жерин иштетип, малын кайтара беришсин, тополоң салышпасын. Азырынча 2-3 ай даярдык сактап, качан өкүл жөнөтүлгөн адам кайтып келген кезде аскерди кайра артка кайтара берсе болот. Мен жалпыга бирдей милдеттүү чечимди орундап, согушка даяр тургула деп аскер жөнөттүм. Эмки жолу ага (Амурсанага) кат-кабар жибергениңде керек кезде өз мөөрүңдү басып жүр деп расмий буйрук менен түшүндүрүп койгон оң. Мен бардык расмий буйруктар орундалышын талап кыламын.

15- бап

31б Динбэй Цзянцзюнь Баньди Амурсана иш жагдайы тууралуу эмнелерди айтып жатканын жашыруун билдирди.

Баньди кабарлады: Давацинин артынан куугунга кеткен хошоут акими Баньчжур турукка (лагерге) кайтып келген, борборго расмий кабыл алууга жөнөгөнү турат.

Амурсана буруттар, Яркенд, Кашкар кол жыйып, басып киргени калды деп жалган маалымат берген. Темур-норлук (көл) көчмөндөр бу күндө дүрбөшүп, ичкери жактарга көчүп кетип жатышат <…>.

<…> Казактар менен буруттарга каршы сактык чараларын көрүү максатында (Амурсана) жакында 9 миң колду которуштуруп, эки жерге жайгаштырганы тууралуу сурадым. Эмне чегара анча жакшы кайтарылбай жатабы? Атказылган аскер болсо, аны жакшылап башкаруу жетишпей жатканына байланыштуу, эмдигиче толук жөнөтүлө элек <…>.

Мен кайтадан талап кылам, ушу күндө расмий кабыл алууга аттануу зарыл.

16-бап

Динбэй цзянцзюнь Баньдиге жашыруун буйрук. Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Баньди кабарлагандай, Амурсана ар кандай айла-амалга салып, казактар жана буруттар бир туруп кол жыйып келиптир, бир туруп аны менен ынтымакка келишүүдө деген өңдүү аңырт-каңшаарларды кайта-кайта апырткан; дайны жок чаргыткан кеп-сөздөр. Амурсана акылсыздык кылып жаткан сыяктанат, чыккынчылыгы айдан ачык. Буйрукка жараша аракет жаса деп, мен Баньдиге бир канча жолу көрсөтмө жибердим. Анын (б.а., Амурсананын) букаралары тууралуу айтсак, аларды <…> кантип кайра келтиришти өз убагында жана тымызын ойлонуштуруу кажет.

<…> Андан тышкары, Баньди куралдуу сакчылардын коштоосунда Давацини, жайсаң (зайсаң) Айэрцини жөнөттү. Баранга жана ошондой эле Нэйци тайчыга (тайчжи) кошулуп бирге качышкан Эбуган менен башка тогуз адамга байланыштуу айтаарыбыз, алардын баарысын тең сурактан өткөрүү зарыл. Чыккынчылык кылгысы келишпеген калган туткундарды бүт бойдон сакчы кошуп борборго жибериштин кажети жок. Бирок алардын арасында оорусунан улам уйгурларда калып калган Чуйсоном Эмчи бар эле; сакайган соң сакчылардын коштоосунда борборго жөнөтүлсүн.

Амурсана жуңгарлардын бир бөлүгүнө өкүмдүк жүргүзөт деп Хубирхань лама кандайдыр сөз кылганын башта Баньди билдирди эле. Азыр Амурсана бекинген жер ушундай, (ага) көкүтүп чатак чыгарыш үчүн тыңчы жибериш эч мүмкүн эмес. Сакчылардын кайтаруусунда борборго жөнөтүлгөндөр качып кетпешине Баньди көз салууга тийиш.

16-бап

20б Түндүк тарапты тынчытуучу кол башчы Баньдиге жашыруун буйрук. Аскердик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Баньдинин кабарлаганына караганда, же бүт көчмөн журттарды моюн сунуудан баш тарттырып козголтуу, же чохэрлик Юэсуту менен биргеликте казактарга жана буруттарга кошулуп, чегара тынчтыгын бузуу максатында Амурсана, Нагэча Абагэс, Чахаши үчөө, эч кимге көрүнбөй, түнү бою тымызын кеңешип чыгышкан. Бул өтө шектүү.

Амурсананы айтсак, (аны) сөзсүз кармап, жазалоо кажет. Ал өзү муну билбеши керек. Бирок мындай кырдаалда ал расмий кабыл алууга келишке макул боло коёру күмөндүү. Жагдай ушундай, (ал) сөз жок, Тарбагатай журттарында кармалбай койбойт.

Баньди мурдагы көрсөтмөлөргө ылайык аракеттенүүгө тийиш.

Абагэса менен Чахашинин жөн-жайына келсек, кыязы, бирге аракет кылып жатышкандай: же ал (Амурсана) жуңгарларды жеке өзү бийлеп кетпесин деп чочулашууда, же чындап эле өз (элине) өздөрү жамандык каалашууда. Бардыгын тең сураштырып так билүү зарыл. Эгер чын эле шерик болушса, анда чогуу аракеттенишет; жок, аргасыздан баш ийип жатышса, бу да аларды кармап жазалашка жакшы негиз болуп берет. Жуңгар башчылары бир адамдын айынан баарысы тең кутулбас куяга калышарын түшүнүшөт. Ишенбестик жана чочулоо тамыр жая баштайт, (алар үчүн) бу да жаман. Бу кырдаалды Баньди, Салар жана Аожунъань жакшылап талдап, жагдайга жараша аракет жасашары ылаазым. Уйгур беги Ходжасы жөнүндө айтсак, эмдиги жылы ал расмий кабыл алууга келээри тууралуу императордун чечими чыкты.

Сакчылардын коштоосунда Давацини жеткирип келатканда ал (б.а. Ходжасы) астыртан Амурсананы сураштырганын кабарлашты. Яркенд менен Кашкарды караткандан кийин аны бардык уруулардын үстүнөн башчы кылып дайындаш керек. Анын тамырын тартыш кыйын. Бирок мунун баары цзянцзюнь даражасында Жуңгарияны ал өзү билип башкарганынан улам болуп жатат.

49-бап

Цяньлун бийлигинин 22-жылы, 1757-ж.

25а Жуңгарларды тынчыттык, ал эми казактар болсо баш иерин билдиришти; андыктан теңирдин жалгоосу менен буруттарга императордун жарлыгын тапшырдык: «Бурут журтчулугунун башчысына Галдан Цэрэн дүйнөдөн кайткандан баштап Жуңгарияда кишилер бири-бирин өлтүрүп, журт ичине бүлүк түштү. Биз, ай-ааламдын (аймактар менен калайык калктардын) бирден бир эгеси, баары тынчытылганда алардагы (жуңгарлардагы) башаламандыкка чыдап, кол куушуруп отура албадык! Ошондуктан Или чөлкөмүн караткыла, Давацини кармагыла, бардык ойрот урууларын тынчтандыргыла жана мурдагы журттарына кайтып келишке мажбур кылгыла деп, даңазалуу аскерибизди атайын аттандырдым. Бирок жуңгарлар Амурсана бузукунун тилине кирип, кайрадан тополоң башташты эле, даңктуу аскерибиз таш-талканын чыгарды. Амурсана казактарга качып кетти. Биздин аскерибиз терең жүрүш жасап, капыстан сокку урду. Казак (ханы) Аблай чоң кыргында (каршылык көрсөттү) жана талкаланды; (кылмышкер) гана жылт коюп кутулуп кетти. Ушу кезде (хан) козголоңчунун азгырыгына алданганына өкүнүп жатат.

26б Өткөн жылы өкүлүн жиберип, моюн сунганын билдирди; Амурсананы кармап берем деп убада кылды; бирок козголоңчу билип калып, Орусияга качып кетти. Ушу күндө чечектен каза тапты. Орустар коштоочу кошуп, (Амурсананын) сөөгүн таанышсын деп жуңгарларга жөнөтүштү.

Жуңгарлардын жазыгы ушунчалык оор, чегара кыйырларында тынчтык орнотуш үчүн (аларды) кырып жойгондон башка арга жок.

Силер, буруттар, жуңгарлардын ишине эч качан киришкен эмессиңер, бирок эзелтен коңшу журтсуңар. Бу күндө жуңгарлар толук багындырылды жана силердин жериңер биздин чегара менен ирегелеш болуп калды. Эгерде силер казактар сыяктуу (биздин) дөөлөткө ыктап, баш ийип келсеңер, мен (силерге) мурдагыдай жашаганга, кийим-кечеңерди өзгөртпөгөнгө мүмкүндүк берем; мансап даражаларын дайындабайм жана салык төлөтпөйм.

Арийне, өкүл жиберип өтүнүч кылсаңар, жакшылыгымды жана сыйлык-сыйымды аябайм. Силер жапайы салт-санааңар менен Ордо мамлекеттен (Срединное государство) айырмалансаңар керек; андыктан биз тарапка өтүштү жана баш ийишти каалабашыңар ыктымал; бул өзүңөрдүн ишиңер. Бирок өзүңөргө караштуу урууларды эч качан чегара бузбагандай кылып тескөө зарыл. Ошондо мен аскеримди көбөйтпөйм жана тынчыңарды албайм. Жок, жоошуп, тынчыбайт экенсиңер, же империянын чегинен көчүп өтүп, өз билгениңерди жасап талоончулук кылсаңар, анда чатакты өзүңөр чыгарган болосуңар. Аскерибиздин каарына каласыңар өкүнөсүңөр, кийин биздин ырайым кылышыбыз кыйын болот».

Эмне пайдалуу, эмне жок, сөзсүз түшүндүрүү кажет; эгер алар (буруттар) жакшылап ойлонуп, түшүнө турган болушса, өзүнчө көрсөтмө берүү керек.

Чегара тынчтыгын камсыздоочу аскер башчысы Чжао Хойго буруттарды тынчтандыруу иши боюнча буйрук.

Аскер кеңешинин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

27а Цэньгуньчжаб мурда билдиргендей, бу жолу басып кирип, Шарабэлде катыгын бердик.

Түркстандыктардын иши боюнча экинчи жортуул, балким, буруттардын (конуш журттары) аркылуу өтөт; анда (аларга) Хоцзичжанды (Жихан кожону) кармап бергиле деп буйруу зарыл. Цэньгуньчжаб кандай көрсөтмө бергенин маалымдагыла деп, башта Чжао Хой менен Ярхашанга буйрук кылынган эле. Ушу күндө Жунгария багынып, казактар баш ийген соң, биз алардан (буруттардан) тартип сактап, тынч жашоону талап кыларыбызды билдирип, жарлык жазып жибердик. Чжао Хой жагдайга жараша сыйлык тапшырды. Бу жолу аскер жөнөттүк. Эгер (аскер) буруттардын (конуш журттарын) аралап өтүшү ылайыксыз десек, анда кантип башка жол менен өтсө болот? Эмне үчүн адаттагыдай билдирүү жиберилбейт? Кол салуу жана басып алуу аракеттери билдирүү жиберилгенден кийин ишке ашырылат деп кантип айтсын?

27б Буруттардан башка да көптөгөн уруу-журттар бар, кол салуу жана басып алуу аракетин кандай кылып толук акырына чыгара алабыз? Эгер алар шек алып калып чатак чыгарышса, анын айласын кандай кылабыз?

Мурда кырсыктын тамырын кыркышка үмүт кыларыбызды жар салдык эле. А өткөн жылы болсо, Чжао Хой так Илиге бараткан кезде Хуньци дүрбөлөң чыгарып, качып кетип олтурат. Жолдон жолугушкан, бирок каракчы качып кеткен. Бу жолу жазалоочу аскер өткөн катачылыкты кайталабашы кажет.

56-бап

Цяньлун бийлигинин 23-жылы, 5-ай, 1758-ж.

Чжао Хой билдирди: «Мен жоокерлерди Санташ ашуусуна баштап бардым, Бату-Жиргал менен Хурциге жоокер алып чалгын чалууга буйрук кылдым. 4-айдын 30күнү цзолин Вэйшу, цаньлин Буни, мацзи вэйшу фаньюй Бадай, мацзя Дуйиньбу, Бату жана башкалар Тэмурту-нор жээгине баратышкан жүздөн ашуун атчанды көрүшүп, үйүр жылкысын тартып алышты. Тигилер (аттарын) кайрып алыш үчүн аткылай башташты. Биздин жоокерлер үчөөнү өлтүрүп, бирөөсүн жарадар кылышты. Ошондо ойрот Чирикчиге бу жерге даңазалуу аскер келгенин жарыя кылышка буйрук бердик. Аңгыча атчандардын бири алар буруттар экенин, даңктуу аскер Хэ-ло-хо-сыда ойротторду ойрон кылганын угушканын айтып калды. Бу жолу жылкысын тийип алышканынан улам дароо баамдабай калышканын, чын жүрөктөн берилдик деп ант кылышарын билдиришти. Чирикчи алардын башчылары Турчибай менен Окуну жана 60тан ашуун караштуу адамдарын чакырып келди.

Мен Турчибайды кеп-сөзгө тартып, сураштырдым. Көрсө, Турчибай-саяк уруусунун бийи экен. Ойроттордо жайсаң (зайсаң), ал эми уйгурларда бек кандай болсо, бий да дал ошондой. Шэрбек бий менен бирге (алар) 500 ашуун түтүнгө бийлик кылышат. Сарыбагыш уруусу дагы 500 ашуун түтүн журт, аны Мамутхули-бай (Маматкул) менен Оку экөө бийлейт». (Турчибай айтты): «Башта батышта Анжияндын жанында көчүп жүргөнбүз. Даңазалуу аскер жуңгарларды тынчытып, казактарды каратканын өткөн жылы эшиттик. Биз да баш иели дегенбиз, бирок жакында Макэцинден даңктуу аскер келээрин угуп калдык. Мына эми келген экен. Биз, буруттар, эчактан эле моюн сунгубуз келип жүргөн, бирок жуңгарлар каргаша болуп туруп албадыбы. Ишенбесеңер, мени же балдарымы барымтага алгыла.

Алдыга ар уруу журттарга (отокторго) адам жиберип көргүлө, сөз жок, астейдил мамилеге күбө болосуңар; баарысы тең өз урукташтарын даңктуу аскерге көмөккө жиберишет. Бизде, буруттарда, оң канатта он уруу, сол канатта беш уруу бар. Мен оң канаттан болом, ушу кезде Хархали-гулэми (Каркыра?) менен Тогуз-Торого көчүп келдик. Сол канаттын үч уруусу – кушчу, саруу, кытай бардыгы болуп миңден ашуун үчүн, бизден 15 күндүк жол арасында турушат. Алардын башчыларын буйрук менен чакыртып алса болот. Сол канаттын калган эки уруусу – Анжиянда, оң канаттын сегиз уруусу Кашкарга жакын жерде. Баш ийип берүү сунушу менен аларга баруу керек».

10а Мен Турчибайга биздин аскер кайда баратканын түшүндүрдүм. Моюн сунгандарга жардам беребиз, каршылык кылгандарды кырабыз. Жуңгарлар, казактар жана башкалар муну иш жүзүндө көрүштү. Эгер ал чын көңүлдөн баш ийсе, Улуу даражалуу император сөзсүз ырайым кылып колдойт.

Азыр даңктуу аскер жазалоо максатында уйгурларга жортуул жасап баратат. Аскер күчү, ат-көлүгү, азык-оокаты жетиштүү; жардамдын да, каражаттын да кереги жок, бирок жол билген коштоочуларды дайындап, бүт урууларды баш ийүүгө жана аскерге кол кабыш кылууга чакыруу милдет.

Ойротторго келсек, толук курутулду; Буку Чаган менен Казак Сары гана качып кутулду. Эгер (алар) силердин жериңерде жашынып жүрүшкөн болсо, өзүңөр кармап беришиңер керек.

10б (Буруттардын) айтымында, эч кандай качкын болгон эмес жана жок. Даңазалуу аскерибиз жолго чыкканда, силердин жериңер аркылуу өтмөкчү деп, мен (аларга) дагы да ачык түшүндүрдүм. Улуу даражалуу император кырдаалды алдын ала көрө билип, кайрымдуу жарлыгын чыгарган. Жарлыкты ызат менен колго алып, (биз) аны (буруттарга) которуп окуп бердик. Турчибай жерге баш уруп: «Улуу мартабалуу император ушундай ырайым жана жакшылык көрсөтүп жатса, буга биздин катынбалдарыбыз кантип кубанбасын!» – деди. Жана кайрадан таазим этти. Мен анын чыныгы ал-акыбалы кандайлыгын текшерип көрдүм.

11а Өкүл аркылуу жарлык тапшырганга чогуу барып, жарыя кылганга буйрук бердим. Турчибай мага аттарды тартууга жибериптир. Кийинки күнү мен жооп катары кабыл алуу уюштурдум жана атчан жаа аткычтардын (өнөрүн) көрсөтүүгө буйрук кылдым. (Аларга) жибек жана жалбырак тамеки белек кылдык; баарысы тең ыраазы бо лушту.

Андан соң офицерлер (шивэйлер) Урдэнди жана Толуньтайды, Дашдаванын колу астында кызмат кылган теги бурут Боркэни Турчибайга кошуп, моюн сунууга үгүттөө тапшырмасы менен бардык отокторго жөнөттүк. Бешинчи айдын төртүнчү күнү анын (б.а., Турчибайдын) уулдары менен үкөсүн барымтага калтырып, жолго чыгышты.

11б Бату-Жиргал билдиргендей, 4-айдын 30-күнүндө цзолин шуинцзун Дашджаб, мацзя вэйшу фаньюй Лашялэту, ойрот хуцзюну Цзяошодуань Хаоциньтохэлайдан бир атчан кесепти кезиктиришкен; аны солунь Силэрту менен ойрот Чирикчи колго түшүрүшкөн. 30дан ашуун Лайбулимцзисай (ойрот) үй-бүлөсү Албаци менен Олчундун артынан кетип баратышып, туруп калышканын тактадык. Ошондуктан алардын конуш журтун көздөй аттанууга буйрук кылдым. Албаци менен Олчунь каршылык көрсөтүшкөн жок, багынып беришти. Алардын үй-бүлөсүн, жылкыларын, төөлөрүн, курал-жарактарын олжолодук. (Биздин) аскерге кол кабыш этсин деп мен күүлүү-күчтүү 50 улан тандап алдым.

12а Бату-Жиргал менен Хурци буруттардын башчылары менен жолугушуп, аларды баш ийүүгө чакырышканын кабарлашты. Качкын ойроттордун үй-бүлөлөр үн да кармап келишти. Бу сапар офицерлер менен жоокерлер жакшы кызмат кылышты. Баарына сый тартууланды: Буни, Дашджаб цаньлин мансабын алышты; Лашялту, Бадай линцуй (ченине) ээ болушту; вэйшу фаньюй Дуйиньбу, Бату, Силэрту – үчөө тең линцуй мансабына арзышты. Тодуань, Чирикчи ланьлин шивэй даражасын алышты. Жакшылап сыйлыкка көрсөтүш максатында, ошондой эле сыйлаш үчүн 10 тоос канатын жана 20 кара канат берип жиберишти сурап тийиштүү министрликке билдиребиз. 12б Чегараны тынчытуучу Чжао Хуэйге уйгурларды курутууга аттанып чыгышка буйрук.

Аскер кеңешинин министрлерине Императордун жарлыгы.

Мындан бир аз мурда Чыгыш Түркстанды басып алуу башталды жана жолдо жагдайга жараша аракет кылгыла. Өзүңөр менен аз аскер алганыңардын айынан, буруттардын жеринен өткөндө кыйынчылык туулушу ыктымал; бирок бу күндө буруттардын башчылары багынганын билдиришти.

Ярхашандын аскери Кучага жетип, бирок шаарды ээлеп алалбагандыктан, алар (Чжао Хуэйдин колу) өздөрү билип көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле Чэбдэнчжаб дагы өз күчтөрүн биргелешип аракет кылышка баштап барууга тийиш. Бирок буруттардын баш-көз болчу бирдиктүү төрөсү жок; андыктан биздин аскерлер кетсе, талап-тоноо кайтадан башталат; (аларга) ишенишке болбойт.

13а Чжао Хуэйге сактык чараларын көрүү зарылдыгын атайын баса белгилейбиз. Яркендге жана Кашкарга жортуул жасай турган болсоңор, Ярхашань менен байланышты үзбөй, ал жакка Чэбдэнчжабдын (күчтөрүн) кошумча жөнөткүлө. Быйыл милдетибизди орундасак, тынчтык орнойт. Эгерде бул убакыт ичинде кат-кабар болбосо, же Яркенд жана башка түйүндөр каратылбаса, анда Илиге кайра кайтасыңар. Эгерде Хазык-Шары (Казак-Сары) менен Букучаганды издеп таап, колго түшүрө алсаңар, андан жакшы; күн мурунтан билдирүү жиберип, убара чегиштин анча кажети жок.

Чыгыш Түркстанды тартипке салыш үчүн (биз) капыстан терең жүрүш жасайбыз; андыктан күчкө ишенип, чабуул коюштун зарылчылыгы жок. Душмандын аштыкка муктаждыгын эске алып, эгин талааларын эчтеке жыйнап алалбай тургандай кылып майкандап салуу керек. Кесептердин күчү ошондо алсырайт. Ошондой эле Жихан-Кожо биз тарапка өтүшкөн Шаласы жана Махусы жайсаңдарды (зайсаңдарды) өлтүрүп салганын маалымдашты. Алар (биздин) эски букараларыбыз эле; аябай кыжырыбыз кайнап жатат. Мүмкүн, ойроттор тарапка качышкан. Бу дагы Чыгыш Түркстанда иш жөндөштүн бир амалы, андыктан чара жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл бөлүш ылаазым.

Чэбдэнчжабдын билдиргенине караганда, Гуны Даши менен Батур жана офицер (шивэй) Лаогэ эки жүз жоокер менен Каши өзөнүнүн өңүрүнөн 60тан ашуун элют үй-бүлөсүн, Демчини жана Толо-кожону кармашкан. Толо-кожо (Төлө?) Халюнун жээни. Анын туугандары бүт бойдон борборго жөнөтүлдү. Алар (биздин) аскерлерге көмөк көрсөтүштү; текшерип, сыйлык ыйгарыш үчүн тийиштүү министрликке жиберүү керек.

14а Жашынып жүрүш көн кесептерди издешти токтотуп, аскерди Чжао Хуэй менен биргелешип аракет жасашка баштап баруу жагы Чэбдэнчжабга атайын эскертилсин; а Чжао Хуэйге жиберилген буйруктун көчүрмөсү Ярхашанга берилсин. Аларга буруттар кандайча каратылганын уйгурларга түшүндү рүп жеткирүүнү буйрабыз.

57-бап

17б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хуэйге биргелешкен күч менен уйгур аймагына жазалоочу жүрүшкө аттанууну буруттарга кабар кылышка буйрук. Аскер кеңешинин министрлерине Императордун жарлыгы.

Ярхашань колго түшүрүлгөн кесептерди суракка алып, мына буларды аныктады: кожолор (эки бир тууган Бурхан ад-Дин менен Жихан-кожо) мурда эски аким Икэ-кожону өлтүрүп коюшкан. Анын уулу буруттарга качып, азыр (ошолордо) жашайт. Кыязы, козголоңчулардын башчылары менен буруттардын мамилеси чатак; ошон үчүн (алар) жакында Аксуга аттанышарын, бирок сөзсүз эле

18а буруттардын (аймагы) аркылуу жүрүшпөсүн мурда Чжао Хуэйге билдиришкен. Азыр эми буруттарга таянгыбыз келсе, дароо алардын конуш журттарына барып, эгерде (биздин) аскерге күчүңөрдү кошо алсаңар, жолдо колго түшүрүлгөн олжонун баары жагдайга жараша сыйлыкка берилет деп жарыя салуу керек. Ошентип шыктандырып, дүрбөлөңчүлөрдүн башчыларын кармап жок кылганга Яркенд менен Кашкарга бирге аттанабыз.

Жакшылап караштырып, жагдайга жараша иш кылгыла. 57-бап

1758 ж., 6-ай

30а Динбянь цзянцзюнь Чжао Хуэйге Казак-Сарыны издеп таап, камакка алууга буйрук. Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Чжао Хуэй уйгурларга жортуул жасашты токтотушка бир канча ирет буйрук алган. Буруттарды моюн сундурууну аяктаган соң, (Чжао Хуэй) күчүн бөлүштүрүп, (ойрот башчылары) Казак-Сары менен Букучаганды кармашка аттандырды. Анын кабарлашы боюнча, Букучаган калп эле колго түшүмүш болуп, кайта качып кеткенине карабай, Фу Дэ али кайрат-дымагынан жазбаптыр. Чжао Хуэй өзү генерал болуп туруп, Казак-Сары менен калган каракчыларды эмгиче кармай албайт. Анан калса, казактарга адеп кезиккенде, Казак-Сары кайда кеткенин билген экен. Казак-Сары батышка Тэлюкэ казактарына, а Букучаган түндүккө Ханбаба казактарына качканын

30б борборго жөнөтүлгөн Тэклэдэк дагы айтты. Чжао Хуэй ушуларды сураштырып билсе болбойт беле? Эгер ал эртерээк казак чегарасына барып талап кылганда, качырып жибербейт эле да?

Арийне, балким, Тэкэсыга (Текес) же Агуйясыга качып кетишти деп да айтып атышат, дайынсыз сөздөр. (Биздин кол башчыларыбыз) күчтөрүн үлөштүрүп, (каракчыларды) издеп табабыз жана камайбыз деп чамданып жатышат. Мурдагы жаңылышын жашырыш үчүн жоопкерчиликтен кутулгулары келип атканы айдан ачык. Дегинкиси, алар өз билдирүүлөрүн дегеле эч качан бири-бири менен макулдашкан эмес.

Чжао Хуэй Илиден жолго чыксын дейли. Генерал адегенде азык-түлүктү кайра кайтарып жиберет дагы, анан тамак-аш тартыш, ошон үчүн Илиге кайталбайбыз деп чыгат.

Азыр кайрадан колдо бар азык-оокат он күндөн ашыпашпайт деп атышат. Мындай акыбал менен алар убактылуу гана натыйжага жетишет.

31а Карамагында 2 миң ашуун эле жоокери бар экенин эске алышпай, дагы уйгурларга каршы аттанууга суранып жатышат. Бирок мен бул аздык кылат го деп чочулап турам. Ушу тапта дагы үч топко бөлүнүштү; а Фу Дэ болсо кайрадан буруттардын аймагына аттанды, ого бетер чочулайсың. Цэбдэнджаб азыр Тарбагатайдан казактарга аттанып барып, Букучаганды бергиле деп талап кылды. Чжао Хуэй да Бук у чаган казактын була уруусу тарабынан кармалып, Аблайга жөнөтүлгөнүн уккан. Жакында (аны) өздөрү кармап беришет деп ойлойм. Фу Дэ Казак-Сарыны кармап бе рүүнү талап кылууда, а Шара-бэлден Цэбэнджаб аскери менен кошулууга баратат.

31б Эгерде каракчылар Тэлюкэнин колтугуна жашынышса, Аблайдын моюн сунушу жана (кесептерди) дароо кармап бериши даркүмөн.

Фу Дэ аскер менен (кесептерди) издеп таап кармашка гана аттанып чыккысы келет. Ошондой эле Цэбэнджаб дагы салгылашып жаткандарды жер жарылган чуу менен колдош үчүн аскерин жардамга алып келе жатат.

Андан ары аскерди буруттарды карай баштап калдым, кайра кайтышым ыңгайсыз деп Чжао Хуэй мурда билдирди эле. Мен дагы буйрук жибердим: эгерде буруттар уйгур шаарынан анчалык алыс эмес аралыкта болушса, анда (Чжао Хуэй) баратканча жолдон Аксуга капылет сокку уруп, Ярхашань менен биригет. Учурда (буйрукту) алышкан болуш керек; (аны) аткарышса, кайра кайтыштын кажети жок. Негизинен, согуш кырдаалын эске алып, ыңгайы келгенде аракет кылуу керек. Аскердин алга жылуу жагдайлары кандай болуп жатканын тез билдиргиле.

58-бап

1758-ж., 7-ай

<…> (туткундар айтышты): Хоцзичжань (Жиханкожо) эки күн аскер көмөгүн күткөн; киши жиберип, Куча али кулай элегин билген. Андан соң 15и күнү түн катып жолго чыгышка ашыгып, таң заарда даңазалуу аскерибиз тарабынан талкаланган.

Биз (б.а., туткундар) качып жүрүп, Хоцзичжан өлдүбү же тирүүбү билбей калдык. Хоцзичжандын жанында Илиден качып чыгышкан 2 миң уйгур, 500 уйгур-соодагер, жакында багындырылган Шаласы менен Махусынын 500 кишиси, андан тышкары Аксу жана Ушдан аттуу-жөөсү болуп 1 миң жоокер бар. Бардыгы болуп 5 миң жоокер. Атчандары 3 миң. Анын бир тууганы Боронидунун (Бурхан ад-Дин) колу астында 2 миң жоокер; Кашкарда буруттарга каршы коргонуу чараларын көрдү.

Эр бүлөлөрдү ойротторго кызмат кылыштан куткарыш үчүн башта Хоцзичжань (буруттардын) ар бир бийи менен өзүнчө келишим түзгөн.

Азыр (бизге) багынса, салык төлөшү керек. Бул эми аймакты мурдагыдай өзү билип башкаруу, каалагандай жер иштетүү, шаар кайтаруу жана коргонууга даяр туруу дегендикке жатпайт.

Борониду айткан: мурда ойроттордон кордук көрчү элек. Улуу өлкөнүн аскери болбосо, эзелки жерибизге кайра кантип кайтат элек? Жакшылыкка жамандык жасай албайбыз, а аскер күчүнө караманча каршы туралбайбыз.

А Хоцзичжань ага ынаган эмес; көзүн караган бектери анын бу кашкөйлүгүн колдоп кетишкен. Аларды кармайбыз деп ойлойбуз.

(Хоцзичжань) жолго чыкканда Борониду артынан кат жиберген, анда мындай деп айтылган: «Зор дөөлөттүн аскери Тамурту-нор көлүнөн (Ысык-Көл) жортуулга чыкты деген кабар эшитилди, коргонушка белен бол». Хоцзичжань кароолду күчөтүштү буйруп, Огэнь өзөнүн карай жылган; Тохэнайдын калкы толук кырылганын көргөн. Баарынын жүрөгү түшүп, айнытканга аракет кылышкан, бирок Хоцзичжань бет алган жагынан кайтпай, акыры жеңилди. Миң түтүн журтун баштап, Кашкарга аким болуп турган бурут беги Хугуа (Кубат бий) өткөн жылы көктөмдө Хоцзичжань буруттардын чоң багыш жана кыпчак урууларын талап-тоногонунан улам шектенип, өз жамаатташтарын ээрчитип кайра буруттарына кетип калган. Борониду согуш баштагандан чочулап, соңунан куугун жиберген эмес. Улуу дөөлөтүбүзгө Ахуйдаону элчи жөнөткөн, а бир канча жоокерин Яркендге калтырган. Хоцзичжань бу жолу Аксуга жардамга келип, кыргын салган. Уйгурлардан ал-жайды сураштырып билишке Долотэматэни жөнөттүк. Бирок ал ажал астында жаткан оор жарадарларды жайлап, качалбай калган; өлүм жазасын жасагандан жазганган.

58-бап

13б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хуэй бурут уруулары кандайча баш ийишке ийиктирилгенин билдирет.

Чжао Хуэй маалымдайт: «Мен буруттардын чегине барып, эки отогунун – саяк жана сарбагыш урууларынын бийлерин баш ийишке ийиктирдим.

14а Алтынчы айдын башында, 4-күнү бүткүл уруужурттарды жоошутушка чогуу аттанышкан офицерлер (шивэйлер) Урдэн менен Толуньтайды Турчибий коштоп жүрдү. Урдэн кабарлагандай, 5-айдын 12-күнүндө Турчибийдин Жумгал жергесиндеги конуш журтуна жетишкен. Кийинки күнү жарандарды чогултуп, императордун жарлыгын жарыялашкан. Андан соң Таласка Майтак бийдин уулу Эшботого барышкан. Ал жерде да бүт бардыгы тизе бүгүп угушкан; анан колдорун чекеге алып, ийиле таазим этишип, мындай дешкен: «Биз эбак эле Улуу өкүмдарга букара болгубуз келген, бирок жуңгарлар жол бербей келди.

14б Эми минтип, каалаганыбыз акыры кабыл болду; кантип кубанбай калалы». Таласта Мамуткул (Маматкул) бийдин жана анын жардамчылары Каработо, Майтак, Акбайдын карамагында 4 миң түтүн эл бар экенин Эшботодон сурап билишкен. Бул жерден (аларга) чейинки аралык 5–6 күндүк жол экен; Толуньтай 14ү күнү ал элди баш ийишке ийиктиргени аттанган. Урдэн 18и күнү Тогуз-Торого сарбагыштын бийи Черикчи менен жолугушууга жөнөп, эртеси императордун жарлыгын жарыя кылган. Башка (жерлердегидей) эле бардыгы ыраазы болушуп, таазим этишкен. Черикчи 100 баш мал тартуулап, борборго кабыл алууга барыш үчүн цзянцзюнь менен жүздөшүп сүйлөшүү ниетин билдирген.

15а 6-айдын 3–4 күнү (биз) аскер туругуна (лагерь) бардык; мен урмат көрсөтүү менен Улуу өкүмдардын баш ийүү тууралуу жарлыгын жарыя кылып, казактар кандайча моюн сунушканын айтып бердим. Эгерде аларга жеринде качкын ойроттор бар болсо, (бизге) кармап берүүгө тийиш экендиктерин эскерттим. Кол куушуруп, бардыгы баштарын төмөн ийип мындай деп айтышты: «Ойроттордой күч-кубаттуу оёндор толук ойрон болушту. Байманасы ташыган казактардай байлар бүт баары баш ийип беришти. Биз бечара элбиз; даанышман өкүмдардын эркине көнбөгөндө кантмек элек?» Мен ошондой эле уйгурларга кыргын салганга жоокер күчүн сурадым. Турфан багытында иш бир жаңсыл болуп калса керек; эгер Яркенд менен Кашкардын батыш жагындагы буруттар тополоңчулардын башчыларын күч менен багынууга мажбурлашса, же окуянын жүрүшүндө өз аймактарында (кесептерди) кармап беришке көмөк көрсөтүшкө көнүшсө, анда кайрымдуу сый-тартууга арзышат.

Черикчи сылык-сыпаа макулдук билдирип, мындайча жооп кайтарды: «Биз энчибизге мурдагы конуш жайыттарыбызды сурайбыз». Мен ага ачык айттым: «Силер башында ойроттор тарабынан сүрүлүп чыгып, Анжияндын атырабындагы конуш жайыттарды ээлеп калгансыңар; азыр болсо Нарын, Жумгал, Талас жергелерин жайлап турасыңар. Мурда (ал жерлерди) ойроттор ээлешкен; бу күндө даңктуу аскерибиз жүңгарларды тынчытты;

16а Каган-Харкирага (Каркыра?), Тэмурту-норго (Ысык-Көл) чегара кайтарчу кароол коюу кажет. Илиде даңазалуу аскерибиздин туруктуу колу (гарнизон) жайгашкан. Эгерде конуш жайыттарыңар тарлык кылып жатса, чындап өтүнгүлө да, ызат-сый менен Улуу өкүмдардын ырайымын жана кайрымын күткүлө; өз бетиңерче көчүп-коно беришти койгула».

Черикчи буга чейинки сылык-сыпаа сыягынан жазбай, ордого кабыл алуу аземине канча киши барарын сурады; (анан) мындай деп айтты: «Биздин Мамуткул бийибиздин (Маматкул) жашы 90дон ашып кетти; өзү семиз; отурса карды салаңдап жер чиет; атка мине албайт. Ордого үч гана адам – Черикчи, Турчи, Ниша барат».

16б (6-айдын) 6-күнү мен кабыл алуу уюштурдум жа на аттуу жаа аткыч мергендердин өнөрүн көрсөттүм; бардыгы суктанышты. 9-күнү үчүнчү даражадагы шивэй (офицер) Дасанды Черикчи ордого кантип жөнөп жатканын байкап келишке жибердим.

Толуньтай Талас аймагын кандайча тынчытканына токтолсок, кайтып келгенде ал өзү Улуу өкүмдарга жолдогон билдирүүсүндө баяндайт. Жиберилген жана алынган буйруктар кол астыдагыларга маалымдалып жатат.

17а Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго качкын кесептерди издешке жана колго түшүрүшкө күч бөлүштүрүү иши боюнча буйрук. Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы,

Чжао Хой билдиргендей, ойрондолгон ойроттордун калдыктарын кармап жойгонго ал күч бөлүштүргөн. Из кууганга Цзаохэден Хэрдай (Курдай?) тарапты карай Хайрабат аттанып кеткен. Кашбалцирде Фу Дэге жолуккан. Бу жерлерде Казак-Сары кесеп эле эмес, Махэцинь да жок болушу мүмкүн. Бирок Цзаохэ жана Хэрдай уйгурларга жакын жайгашкан. Фу Дэ маалымдагандай, бу жерден Ярхашанга кошулушка жөнөсө болот. Буруттардын Таластагы конуш журттарынан өтүп, батыш казактарынын чегине жетебиз; Казак-Сарынын кабарын сураштырабыз. Калган кесептерди Чудан жана Шара-бэлден таап кармайбыз. Чжао Хой менен Фу Дэ буга чейин күчтөрдү бөлүштүрүү боюнча буйрук алышса да, бирок Илиге кайсы жол аркылуу кайтышары тууралуу көрсөтмө болгон эмес.

Мен Фу Дэге сөзсүз Шалоболэден кайра тартууга буйрук кылдым; ошондой эле Цэбдэнджабга да аскерди кошулушка ушул жол менен баштап барууну буйруйм. Бу жолку буйрук мурдагысы менен байланыштуу. Фу Дэнин качкын кесептерди кармоо аракетин айтсак, эгер күчү жетпесе, тез келип кошул деп, Шалаболэден эбдэнджабга кат жиберсин. Буйрук бүт баарына маалымдалсын.

58-бап

32б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой оң канат буруттардын башка ишке ийиктирилгенин билдирет.

Чжао Хой маалымдайт. Фу Дэнин кабарына караганда, шивэй эдэн буруттардын Мамутхули-бийин (Маматкул) моюн сунууга көздөп, анын бир тууган иниси Шэрбекти расмий кабыл алууга жөнөткөн. 6-айдын 18 күнү биздин аскер журтубузга жетип келебиз деп болжошкон. Урдэн буруттарды Толуньтай келгиче жөнөй бергиле деген; ал келээр замат Толуньтайды коштоп фышка жумшаган. 19 күнү Урдэн Шэрбек менен анын төрт ата өткөн кыйыр тууганы Худайбердини турукка ээрчитип келген. Текшерип көрдүм, Маматкули-бий (Маматкул) абдан илбериңки адам экен, бир тууган инисин кабыл алуу аземине жөнөтүп жатат. Эдэнди (аларды) ордого коштоп барышка жиберүү керек, чакырылган буруттардын ичинде Кельди-бий болду, ал өз журту менен моюн сунду. Чечек менен ооруганына байланыштуу ордого фышка батынбайт. Мага ар кайсы конуш журттардагы баш ийдирилген буруттарга мөөр жана жарлык берүү жөнүндө өтүнүчтөр түштү. Мен аларды тийиштүү түрдө тапшырдым. Дагы Здулам жана Абдураим деген соодагер уйгурлар бар; булар Анжияндагы жана башка жерлердеги уйгурларды моюн сунушка үндөгүлөрү келишет. Мен аларга жарлык беришке улуксат кылдым. Чамасы жазгы баарда Илиден кездешебиз.

Мындан тышкары, алдыңкы тобу менен азык-оокат тартып бараткан Токтобай 5-айдын 23-күнү Чанцзесыда (Чаңгес) үч жүз казак атчандары тарабынан тонолгон. Андан соң алардын (б.а., казактардын) башчысы Эрлэйди жолуктурушкан; ал болгон ишти офицерлер менен жоокерлерден угуп, сураштырып тактап, чыгымды ордуна коюшка киши жиберген; ошону менен бирге алдыңкы аскер тобунун кол башчысынан (цзянцзюнь) мөөр жана жарлык сураган.

2-айда шивэй Эрдэнэ анын аягын ат жаралаганына байланыштуу басалбай калгандыктан, дарыланууга Баркулиге аркылуу жиберүүнү суранарын билдирди.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Чжао Хой билдиргендей, шивэй Урдэн буруттардын Мамутхули-шин (Маматкул) баш ийүүгө чакырган; анын бир тууган иниси Шэрбекти расмий кабыл алууга жиберген. Урдэн кабыл алуу аземине бараткан буруттарды коштоп жүргөн. Баркульгө жана Сучжоуга жетишкен; жоомарттыгыбызды көрсөтүп, бардык жерде эң сонун күтүп алдык жана белек-бечкек тартууладык.

34б Анжиянга жана башка жерлерге барып, уйгур калкын моюн сунууга үндөгүсү келишкен алиги соодагер уйгурлар жөнүндө айтсак, эгерде алар белгиленген мөөнөттө Илиге келе алышса, анда күн мурунтан күтүнүү зарыл; алыстагы адамдардын ишеничин жоготкон жарабайт.

Токтобай менен казак Эрлэйдин жолугушуусуна жана анын өз жамаатташтары тарабынан тонолуп кеткен оокаттарды кайта ордуна койгонуна токтолсок, мунун бардыгы чын пейилден болгонсуйт; ошондуктан ага 4 түрмөк шайы тартууланып, сыйлыкка көрсөтүлсүн. Ошондой эле (анын) карамагына кармалган калкты өткөрүп берүүгө буйрук кылабыз.

Хазык-Шарынын (Казак-Сарынын) жайын айтсак, эгер алцинь уруусу анын кабарын билдирип, кармап бере алса, анда сөз жок, айрыкча кайрымдуулук көрсөтөбүз.

35а Цяньфын Токтобайга күжүрмөн күч-аракети үчүн шивэй чени жана кара канат ыйгарылсын, ал эми оор жаракат алган шивэй Эрдэнэ борборго дарыланууга кайтып келсин. Баардыгына маалым кылынсын.

59-бап

1758 ж., 7-ай

11б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой чыгыш буруттары баш ийишке ийиктирилгенин баяндайт.

Чжао Хой билдирди. Таластагы буруттарга жөнөтүлгөн шивэй Толуньтай кабарлагандай, 6-айдын 23ү күнү ал кушчу уруусунун башчысы Майтакты, кытай уруусунун башчысы Каработону моюн сунууга чакырган.

Жолдо цаньцзань дачень Фу Дэге жолуккан. (Буруттарга) кабыл алуу уюштурушкан. Каработонун жашы жүздөн ашып, көзү көрбөгөнүнө байланыштуу, Майтак болсо жетимиштен өтүп, атка жүрө албагандыктан, Майтак (биздин) аскер туругубузга бир тууган иниси Шүкүрдү, а Каработо жээни Хэбицини жиберген. Мен аларды расмий кабыл алууга чакырдым.

12а Хэбици тизе бүгүп, мындай деди: «Биз, буруттар, оң жана сол канат болуп бөлүнөбүз. Оң канатты Мамутхули (Маматкул) бийлейт, сол канатты Каработо башкарат. Кушчу, кытай эки урууда миңден ашуун түтүн бар. Даанышман өкүмдарга карагыбыз келет, бизди өкүмдардын кабыл алуусуна жибергиле». Мен (аларды) жибердим, жана бүгүндөн калбай аттангын деп, коштоп барышка Толуньтайды жөнөттүм. Урматтоо менен билдирем.

61-бап

15б <…> буруттардын өкүлү Шүкүр ордого келди, кабыл алуу уюштурдук.

17а <…> Шивэй Урдэн менен Толуньтай буруттардын өкүлдөрүн коштоп борборго келишти.

27б <…> бурут өкүлүнүн айтканына караганда, Борониду менен Хоцзичжань бир аз мурда тымызын (өз) сыйынтына кайтып келишип, Яркендге Абдуджабды, ал эми анын чоң уулун Аксута бек коюшкан.

62-бап

1758-ж., 9-ай

Улуу мартабалуу император – Көкөтеңир жалгаган зор дөөлөттүн (Поднебесняя) өкүмдары. Кытайда да, анын чегинен тышкарыда да баш ийбеген эч ким жок. Алыскы кыйырлардын баарында бейпилдик орноттук; баарысы тең өз салт-санаасы менен тынч-аман жашап жатышат.

Жуңгарлар жуйкулук кылышты эле, тукуму курутулду. Казактар менен буруттар толук моюн сунушту. Хоцзичжань гана тополоң чыгарып, чыр баштады. Андыктан жазасын беришке аскерди көтөрдүк. Башына түшкөн коркунучтан улам багынбаска чарасы жок; күнөөсүн моюнга илип, кечиргиле деп өзү келиши керек эле. Азыр эми кыянат кылганына өкүнүп, колго түшүп берди.

13а <…> Хоцзисы (Ходис) кабарлагандай, Хоцзичжань талкаланып, андан соң же Боронидуга барып кошулганга Кашкарды карай, же Яркендди көздөй качты, белгисиз. Эки шаарда он миңдей адам бар. Азыр эгерде Уштан Кашкарга аттанып чыкса, аска-тоолор аркылуу жол татаал. Ал сөз жок Яркендден Хиндустанды, Кара-Тибетти, Бадахшанды карай качат. Яркендди көздөй жүргөн оң. Эгер ал Кашкарда болсо, буруттар жана Анжиян менен мамилеси чатак, кеталбайт. Яркенд аркылуу өтүп, даңазалуу аскерибиз соода (жолун) бөгөп салат.

Боронидунун жайын айтсак, ал момун адам. Даңктуу аскерибиз Кашкарга келсе, өзү эле багынып берет. Генералдар өздөрү чечишсин.

Мен аскер туругундагы бектер менен кеңешип көрдүм, баары тең туура таап жатышат.

Хоцзисы (Ходис) ушу кезде бэйлэ (башчы, бий) дайындаган Эминь-хочжо (кожо) анча-мынчага бой көтөрбөгөн токтоо адам. Калган бектер Одуй жана башкалар тартууга татыктуу болушкан жок. Ал (б. а., Эминь-кожо) оокаттуу уйгур үй-бүлөсүнөн чыккан. Борборго жөнөтсөк, тополоңчуларга жан тарткандар ого бетер шектенип калышабы деп чочулап турам. Кабыл алуу аземине анын уулу Моцзапарды (Музафар?) жибергени жатабыз.

18б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго сырттагы жапайыларга (варвар) тийиштүү иш боюнча Императордун буйругу.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Фу Дэ казак Балукэге кез келип, андан Солтунь Батур менен соодагерлер өкүмдардын кабыл алуусуна барышка чын эле жолго чыгышкан бекен, же жокпу, сурамжылап көргөнүн маалымдады.

Казактар менен буруттар – булар сырттагы жапайылар; ордого кабыл алууга келишкенде, чын ыкылас билдиришкени менен дитинде кантсе да сыйлык-тартуу үмүт этип турушат. Эгерде (алардын) ой-ниети, айткан сөздөрү чын пейилден экенине көзүңөр жетсе, анда биздин кайырыбызга карк болушка үмүттөнүп, борборго келе бериштерине силер өзүңөр эле улуксат кылаласыңар. Суранышпаса, тынч көчүп жүрө беришсин. Келгиле деп буйрук бериштин кажети жок.

 

Чжао Хойго, Намджарга, Фу Дэге буйрук беребиз. Сырттагы жапайыларды ордодо кабыл алууга байланыштуу мындан ары өздөрү келген кезде угуп көрөбүз, (аларды) шаштырып кереги жок.

19б Соода жагына келсек, мурда аскерди жабдуу муктаждыгы эске алынчу. Бу күндө уйгурлар менен ишти бүтүрдүк, көп ат сатып алыштын зарылчылыгы жок. Эгерде алар (соодагерлер?) болжошкон убактан кечигип келбей коюшса, товарларды сактап турган дурус; а качан келишкен кезде, соода-сатыкты жөнгө салган оң. Өтө эле мажбурлаштын кереги жок. Сырттагы жапайыларды башкарууда бир гана калыстык (б. а., ишенич жана ынтымак-ырашкерлик) жолун кармануу абзел.

62-бап

1758-ж. 10-ай

25б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго бурут конуш журттарынын чектерин карап чыгышка Императордун буйругу.

Кабыл алуу каадасына келген бурут өкүлү Тэмуртунор (Ысык-Көл) алардын мурдагы конуш журту экенин айтып, энчи кылышты сурады.

Биздин жарлыгыбыз мындай: «Бу жер силердин баштагы конуш журтуңар болгону менен, бирок эбак эле жуңгарлар ээлеп алышкан. Анан кантип ал мурдагыдай силердин жер болуп калышы керек?» Бирок силер биздин букарасыңар, а бу жерлер абдан кенен, балким, жашоо жагдайыңарга жардам катары жака-белдеги конуш жайыттардан тартуу кыларбыз. Муну жасаса болот. Цзянцзюнь менен дачэндин кароосуна берилгенден кийин, кайрадан жарлык чыгарылат.

Буруттардын макоо өкүлү буга баш уруп, элине жаят болуш керек. Эгерде Чжао Хой бу жерлерди баш-аягына чейин түрө билсе, анда түшүндүрөт жана бардыгын маалымдайт. Анчалык жакшы билбесе, кылдаттап карап чыкканга кызматкер жиберсе болот. Илиге ирегелеш аймактар менен аскер туруктары жайгашкан жайлардан башка (буларды барк албай коюу жарабайт), мүмкүн, өздө рүнүн өрүш жайыттарына жакын ээн жерлерди көрсөтүп, өткөрүп берээрбиз. Канткен күндө да, чектерди аныктоо зарыл. Эгерде Чжао Хой жана Фу Дэ уйгурлар менен али ишин аяктай элек болсо, анда Намджарга буйрук кылабыз, качан Илиге келгенде орундайт.

Императордун Тайхэдянь ак сарайында кабыл алуу болуп өттү. Бурут өкүлү Черикчи бирдей даражадагы адамдар менен чогуу шаан-шөкөт жөрөлгөлөрүн өтөдү.

63-бап

23б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой Яркендге жасалган жортуул жагдайын маалымдайт.

Чжао Хой билдирди: Мен аскерге Яркендге жүрүшкө аттанууга буйрук бердим. 10-айдын 3-күнү шаардан 40 ли аралыктагы Хойциарыкка жеттик. Шивэй Маньчортуну жоокерлер менен чалгынга жибердим. Түн ортосунда жолду кыйгап өтүп, шаарга чукул жердеги кесептер ээлеп алган кароолканага, соңунан шаарга тымызын өңүп кирип, бир уйгурдун эгинин олжолоп алдык. Кароолдор кайга тартып алышка аракет кылышты эле, бирок жаадан атылган окторду көрүп, качып жоголушту. Шаардагы 200–300 атчандар чабуул коюп, бирок алыс кууп барыштан жазганышты. Мен Илиде төрөлүп өскөн бурут Мыньдубайдын (Меңдибай?) айтканынан кең-кесири маалымат алдым.

Аксу менен Үч-Турфан багынып бергенден кийин, Хоцзичжань 3 миң уйгур менен Кашкарга кирген; аерде бир түнөгөн; 4 күн Япургэде турган. Борониду Хоцзичжандын жосунсуз жоруктарына аябай нааразы экенин эшитип жатабыз.

24б (Алар) ар кими бирден шаарды коргоп, бири-бирин колдошко макулдашышкан. Боронидунун аттуу, жөөсү кошулуп 10 миң ашуун адамы болгон; алар Кашкардан бир бекет аралыкта Гэлциде жайгашкан. Хоцзичжань Яркендге уйгурлар айыл-кыштактардан чөп тартып жатышкан кезде келип кирген.

Шэлэмэтэге, Молло Гэлибге 50 адам алып, Бурцзибостунга туруктуу кароол коюшка, шаарда канча жоокер, канча ат барын, Хоцзичжань кимге ишенээрин, кишилердин маанайы кандай экенин, Кашкар менен кат-кабар аркылуу катнашат бекен, чекмелеп билишке буйрук кылдык. Андан тышкары, Яркенддин беги Абдуджаб кайда, муну аныктагыла дедик. Айтымда, шаарда элюттар, буруттар, илилик уйгурлар, 5 миңден ашуун атчандар бар, а жөө адамдар эң эле көп. Хоцзичжань менен байланыштуу бир нече бек: Абудуклэм, Абдухалим, Нияз-сопи, Ашгэ, Иланхэли, Букунь – баарысы тең кыжырын ичке катып турушат.

Хоцзичжань элдин кашында тизелеп олтуруп: «Күчтүү аскер уйгурларды кыргын кылды; Ходис бекти мерт таптырышты»,– деп айтты.

Хоцзичжань бир тууганы менен кат-кабар алышабы, же жокпу, аныгын билбедик. Бирок Шаярдын мал-жанын тартып алганы, анын үстүнө, Абдуджабды, анын уулун жана үкөсүн абакка салганы анык. Үч-Турфан менен Сайрамдан көчүп келишкен 300дөн ашуун уйгур 6 күндөн бери ур токмокко алынууда.

Жоокерлерибиз шаарга жакындап келгенде, кесептер согушканга жарадыбы, же биздин сүрүбүздөн жалтанып дыр коюштубу, көрө албадым. Бекем коргонуп, жардам күтүп жатышкан болсо, шаарга чабуул жасоо керек. Бирок бул шаар Кучадан алдаканча чоң. Төрт тарабы биригип 12 чакырым. Менин кол астымда аттуу, жөөсү болуп 2 миң ашуун жоокер бар; бул бир тарабын гана камалаганга жетет. Ал аз келгенсип, Үч-Турфандан бери карай чөл кезип 1500 ли аралыкты басып өттүк; миңден ашуун атыбыз аябагандай арып чарчады. Шаарды курчаганга ал-күчүбүз аз. Кесептер капылет сокку уруп, качып кеталышпайт.

26а Качкан күндө да, кесептер жалгыз түштүк жолу аркылуу гана Хиндустанга, Бадахшанга, Кара-Тибетке кеталышат.

64-бап

1758-ж. 11-ай

19а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Шухэдэ билдирди: Үч-Турфанда жашап турган бурут

Темуржан буруттардын башчылары менен жакшы таа ныш экен. Кашкарга чабуулга аттангыла деп айттырганы шивэй Бучжаньтай экөөнү буруттарга жибергени жатам. Андан тышкары, мурда уйгурларды кабыл алуу каадасына баштап барган, азыр Хотанда турган Цзилиньчжэлушань Одуй бекке кабар беришке камынууда. Уйгурлар кесептерге биргелешип сокку урушка дилгирленсе, (аларды) шыкакташ керек. Чжао Хойду тымызын кабардар кылабыз, ошондой эле Саньсабаонун жоокер-солондорун жана башка 6 адамды алдын ала жөнөтөбүз. Өз маалында орундашты талап эткен өтө орчундуу иштер. Бирок Чжао Хой курчоодо. Жиберген кишилерибиз бир айга чейин коргонушка жарайт деп кабарлап жатышат, бирок баары бир акыры жардам берүүгө тийишпиз. 1 миң жоокер шашылыш жардамга баратканын Шухэде кабарлады, бирок бул анча жетиштүү эмес. Миң адам ал-күч болуп бералбайт. Андыктан жаңыдан алып келинген офицерлер менен жоокерлерден 1–2 миңин тандап, кошумча күч жиберишке Шухэдэге буйрук беребиз. Ошондой эле акырында келчү аскер кошторун күтүп, бардыгын бир жерге топтоо жана жүрүшкө аттандыруу зарыл; аттарды арытпай кармоо кажет.

Кэлият бек Алимшаны баш урууга үндөгөн Чжэлушань жөнүндө айтсак, ал жакшы кызмат өтөдү. Кайыр көрсөтүп, канат жана шивэй ченин тартуулайбыз. Келген уйгурлар тиешелүү түрдө сыйлансын.

30а Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой татыктуу эмгек сиңиргендиги жөнүндө Улуу өкүмдарлык жарлык жарыялайбыз.

Императордун жарлыгы мындай: кол башчы Чжао Хой билдиргендей, (ал) аскерди Яркендге баштап келген; аерге козголоңчулар бекем орношуп алышкан. Кесептерди бекинген чебинен азгырып чыгарып, талкалаш үчүн жаңы күч керек. Бөлөк жол менен качып, дарыядан кечип өткөндөн кийин күчтөрүн бөлүштүрүп, жолдорду бөгөп салышпас бекен деп чочулап турабыз. Жихан-Кожо бу бузукулар биздин даңазалуу аскерибизди курчап алышканын билет. Ушу күндө (биз) жардамга аскер баштап барууга Шухэдэге шашылыш буйрук жибердик. Мунун бардыгы биз душманды алсыз санап, алаңгазар жүрүш уюштурганыбыздан улам болуп жатат; (азыр эми) айыптууларды аныкташ кыйын. Чыгыш Түркстан менен алектенип жатканыбыз, барып-келип эле козголоңчулардын башчысчы Жихан-Кожонун айынан болууда. Башта ойроттор (Или жайсаңы) Абагэстин жерин басып алышкан. Даңктуу аскерибиз Илини караткан убакта (Жихан-Кожо) капастан кутулуп кетип, мурдагы букараларын кайрадан башкарып калган.

30б Башкарып гана калбастан, зилинде жакшылыктын кадырына жете билбеген карышкырдай кара мүртөздүгүн да көрсөттү. Жакшылыгын жалгаган өз өкүмдарына кара санап, залал келтиришке жүрөгү даады. Цзянцзюнь жиберген фудутунь Аминьдао менен анын жүз жан-жөкөрүн мертинткенден да кайра тартпады! Аскерди аттандырып, жазасын колуна бербесек, дөөлөтүб үздүн зоболосун көтөрүш үчүн аёосуз күрөшүп жатабыз деп Көкө теңирге кантип айталабыз! Биз курулай атак-даңк кууп, аскерибизди тобокел ишке салып жаткан жерибиз жок. Жоокерлерибиз Кучаны ээлеп, Чжао Хой аскерибизди чабуулга баштаганда, а тууралуу дуу-дуу кеп туш-тушка тарап кеткен. Ошентип, Аксу жана Үч-Турфан шаарлары чын көңүлдөн удаалаш баш ийип беришкен; а Чыгыш Түркстандын башчысы Ходжасы бек болсо, кайтадан моюн сунуп, аскердин алдыңкы сабында аттанып чыккан.

Арийне, Жихан-Кожо Яркендге качып, андан улам Чжао-Хой оңтойлуу учурда аскерди баштап жортуулга аттанып чыккан. Ошондо ага Аксуда бир аз аялдап, акыркы аскер коштору толук жетип келгиче күтө турушка, андан соң чогуу аттанып, козголоңчуларды кармашка буйрук кылганда жакшы болмок, бирок бу жерден өз убагында көрсөтмө жиберишке үлгүрбөй калдык. Бул эми бизге байланыштуу эмес. Болору болгон соң, айткандан не пайда. Согуштук аракеттерибиз өз маалында болуп жатат; бизге баарынан да ушу маанилүү деп ойлойбуз. Чжао Хой – жөндөмдүү генерал, ал азырынча чабуулга өтө элек, бирок чегинген да жок. Анын үстүнө, биздин манжуу офицерлерибиз менен жоокерлерибиз кимди гана болбосун дыр коюп качышка аргасыз кылат. (Бизге) жү рөгү даап, каршы туруучу жоо али чыга элек. Маселен, быйыл жайында Чжао Хой менен Фу Дэ түпкүлүгүн ойлоп, күчтөрүн бөлүштүрүштү; алардын кол астында миңге жакын адам болгон. Бирок оң жана сол (канат) казактары, ар кайсы конуш-журттардагы чыгыш жана батыш буруттары, уйгурлар аттанып каршы чыгышты мындай кой, чакырыкты күтпөй эле кайра чын дилден берилгендигибизди биринчи болуп билдирип калалы дешип бири-бири менен атаандашып башташты.

31б Түркстандын Аксу шаары (биздин) күч-аракетибизсиз эле багынып берди. (Биз) жеңил жеңиштен пайдаланып, мындан ары да ушундай оңой-олтоң, эч токтоосуз шыр коюп Яркенд менен Кашкарга кирип барабыз деп ойлогонбуз; көрсө, козголоңчулардын күч-кубатын жете баалаган эмес экенбиз. Каталык бизден кетти, бирок душманды алсыз санап, алаңгазарлык менен аттанып чыгууда Чжао Хойдун жоопкерчилиги канчалык? Кайрыет, бир нече жыл ичинде жуңгарларды тынчытуу, казактар менен буруттардын ыктыярдуу түрдө баш ийиши – чындыгында да эң сонун иш болгон. Аңгыча болбой эле кайдан-жайдан даңктуу аскер курчоодо калды деген бул капылет кабар!

Көкө теңирдин жакшылыгын биз таазим этип, ыраазылык менен кабыл алабыз, арийне, Жихан-Кожо жеңилүү ызасын куп гана тартты. Чындыгында да, тыптыйпыл болушка аз калганын сезип, ал (өз) түнөгүнө кайтышка шашылды; калтан калкты карактап, (козголоңго) козутту. Азырынча маалкатып турат. Ал эми биздин аскер болсо күнү-түнү токтоосуз алга жылып, анын айынан аттар алсырап жүрбөй калууда. Айтор, (Чжао Хой) курчоодо жардам күтүп жатат. Бактыга жараша, (биз) өз убагында камынып койгон экенбиз. Биз алтынчы жана жетинчи айда солондорду, чахарларды, туруктуу аскер кошторун жана Шэньси менен Ганьсудан чыгышкан жашыл байрак жоокерлерин удаама-удаа көмөк көрсөтүшкө жибердик. Аттар менен оокат-азыктар да жөнөтүшкө белен турат. Эгер бу да жардам бербесе, анда акыбалыбыз чын эле кыйын. Бирок (биз) Чжао Хойдун бүгүнкү билдирүүсүн башында билген эмеспиз.

 

65-бап

11а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун буйругу.

Шухэдэ билдиргендей, бэй-лэ (манжуу мансабы) Юйсуфу (Юсуп) Кашкарды чаап алышка аттангыла деп айттырганга шивэй Бучжаньтайды Темуржан буруттун коштоосунда буруттарга жиберген. Ушу күндө Темуржан өзүнүн Улут жана Тимур деген туугандары менен аттанып чыгышты. Юсупту ат-көлүк менен жабдышка буйрук бердик; андан тышкары, үй-бүлөсүнө жардам катары жибек жана чай-чамек белек кылдык. Ал курсант болуп, аттанып кетти. Юсуп аскер туругунун (лагерь) чарба иштерин жүргүзөт. Туруктуу аскерди жайланыштырууда жана Ушту кайтарууну уюштурууда чоң эмгек өтөдү. Чындап сыйлыкка татыктуу. Кайрым көрсөтүп, (ага) бэй-лэ мансабын беребиз.

66-бап

1758-ж. 12-ай

18б Аскер конуштарынын (чарба) жумуштарын тейлөө чү фудутунга, чжисянга, динчжанга казак соодагерлерине түшүндүрүүгө буйрук кылабыз. Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун буйругу.

Динчжань билдиргендей, казак (ханы) Аблай бурут Куньдухунду жана башка Юдон ашуун адамды соода кылышка жөнөткөн. 12-айдын төртүнчү күнү (алар) Үрүмчүгө жетишип, Шуцзиньага расмий кагаз жиберишкен. Көнгөн адаттарынча иштерин жүргүзө башташкан. Андан тышкары, Аблайдын соодагерлерди ат-көлүк жана азыкоокат менен жабдып, кайра конуш журттарына атказуу өтүнүчү жазылган катын Нусанга тапшырышкан.

Казактар менен соода жүргүзүүгө келсек, бул алардын пайдасын көздөп жасалган. (Аларды) келгиле, товардын наркын адилет баасын бычып, төлөп берели дегенбиз.

19б Алар менен иш жүргүзүштүн бөлөк жолу жок. Кайра кайтыштарына жолго азык-түлүк камдап бериштин эч кандай кажети жок. Нусань Үрүмчүдөн кетип калганын, жана бул иш боюнча эч сөз болбогонун келген соодагерлерге түшүндүрүп айтып коюшту динчжанга айрыкча табыштайбыз. Эгер Аблайдын каты жөнүндө кеп козгошсо: «Соода жумуштары боюнча даченибиз, силер болжошкон мөөнөттө келбегениңерге байланыштуу, эбак эле борборго кайтып кеткен; эреже боюнча (биз) эми соода-сатыкты токтотушубуз керек. Ырас, товар бул жерде тургандан кийин, а силер болсо ат арытып ыраактан келдиңер, кур кол кетирбейли, шагыңарды сындырбай, соода-сатыгыбызды уланталы. Бөлөк иштерге кийлигишкенге акыбыз жок»,– деп Шуңзиньа түшүндүрүп коёт. Анын үстүнө, соодагерлер менен тартуу алып келгендердин асман-жердей айырмасы бар; азык-түлүк, ат-көлүк менен камсыз кылуу деген буга чейин дегеле эч качан болгон эмес. Ошондон соң, аларды кайта келген жагына атказып жибергиле.

66-бап

20б Цаньцзань дачэнь Шухэдэ Чжао Хойдун аскер туругундагы (лагерь) жаңылыктар тууралуу билдирет.

Шухэдэ кабарлады. 12-айдын үчүнчү күнү уйгур Токтомат Яркендден жашыруун чыгып келди. Мен сурак кылдым. Айтканына караганда, даңазалуу аскерибиз Яркендге жеткен. Борониду Кашкардан аттуу-жөөсү болуп 5 миң адам жардам жөнөткөн; алар менен Хоцзичжандын кол астындагы 10 миң атчан жана жөө адам кошулуп, салгылашка киришкен. Биздин аскерибизди 30 күн ашуун камалап турушкан. Анан Кашкарга караштуу Янги-Гиссар калаасын буруттар капыстан карактап кетишкенин угушкан. Эки кесеп тең күтүүсүздөн эле жоонун мизин кайтарууну чечишкен. Ошол эле күнү кечинде генерал жоокерлерге кесептердин туругун (лагерь) эки жерден өрттөп, басып алууга буйрук берген. 60тан ашык чатырды олжолоп, (жоонун) жарымынан көбүн өлтүрүшкөн жана колго түшүрүшкөн. Цзянцзюнь буруттар менен келишип алганына акыры эки кесептин көзү жеткен. Жыл бою камалаган күндө да, жеңишке жетиш кыйын; анан калса, ага дарман да жетпейт, кол астыдагы каруу-күч дагы чыдабайт. Андан көрө тынч акылдашалы, же эч болбосо, тыныгып, тыңып алалы деген чечимге келишкен. Ошо себептен, кол астындагылары жана ойроттор аркылуу кат жолдошкон. Цзянцзюнь (аларды) камакка алып, кармап калган, ал эми жаанын жебесине бекитилген кат менен (Боронидуга): «Эгерде бир тууганың баш урушка макул болсо, адегенде менин алдыма кабыл алууга келсин»,– деп билдирген.

67-бап

Цяньлун бийлигинин 24-жылы, 1759-ж., 1-ай

15б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго буруттарга жолдонгон катка байланыштуу буйрук. Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Юсуп маалымдагандай, буруттарга атказылган шивэй

Бучжаньтай кайтып келген. Ал 11-айдын 18-күнү АтБашыга жетип, козголоңчу Хоцзичжань каруу-күч сурап киши жибергенин уккан. Кесептерди кармоо жана (бизге) жардамга каруу-күч жөнөтүү жөнүндө Черикчинин уулу Цзэлимботэ менен сүйлөшкөн. Мындайча жооп кайтарылган: алардын конуш журтун Минилэха башкарат, кабарга киши жибердик. Андан тышкары, (Кожонун) чабаганчылары из жашырып кетишкенин, артынан куугун салганга конуштарда адам аздыгын, Маматкулга баралы дешсе, тоо-ташты бүт күрткү басып калган, өтүш кыйын экендигин айтышкан.

Бучжаньтайдын кабарына караганда, буруттар кол атказган эмес. Кашкарга караштуу Янги-Гиссар калаасына анда кимдин жоокерлери бүлүк салды? Чжао Хойго аныктагын билип, ыгы келгенде билдирүүгө буйрук кылабыз.

Дагы бир жолу козголоңчу кесеп Хоцзичжань жөнүндө: али кармала элек болсо, буруттар көмөк кылышы зарыл. Хоцзичжань аларга качып келсе, (аны) кармап, (бизге) өткөрүп берүүлөрү тийиштиги тезинен Черикчиге айтып түшүндүрүлсүн. Кимде-ким ага жардам берчү болсо, даңктуу аскерибиздин каарына калат. Эгерде Черикчи көбүн туткунга түшүрсө, анда кеткен кегин, өткөн өчүн алууга тийиш.

Черикчи ордого көз көрсөтүп, кайта кетти; андыктан Баркүлдөгү (Баркөл?) кол башчыбыз Цин Фуга императордун чечимин (Черикчиге) кунт коюп тапшырууга жана анын кайтарган жообун тез билдирүүгө буйрук кылдык.

67-бап

23а–б Качкан кесептерди кармоодо көмөк көрсөтүү жөнүндө бурут Черикчиге буйрук.

23б Бурут Черикчиге Императордун жарлыгы.

Цзянцзюнь менен дачэндин кабарына караганда, силердин конуш журтуңарга жиберилген шивэй Бучжаньтай силердин Цзэлимуботэге жана Минилэхага жолугуп, конушта адам аз, болгондору мал багуу менен алек экенин, ошондой эле катуу суук жана калың кардын айынан каруу-кол атказа албасыңарды аныктап билген.

Мен жагдайды жакшылап билип, жарлык чыгардым. Силер четки чегара кыйырларынан сырттагы эл-журтсуңар. Туура жолго түшүп, (биздин) дөөлөткө карадыңар; асыресе, тынч жашаганды айрыкча каалайсыңар. Арийне, цзянцзюнь менен дачэнь ушу күндө ийгиликке жетишкен болуш керек. Силер каруу-күч атказдыңарбы, же жокпу, азыр баары бир болуп калды.

24а Анткени козголоңчу-кесептер Борониду менен Хоцзичжань жана аларга кошулган уйгурлар менен ойроттор даңктуу аскерибиз тарабынан талкаланды, бирок арасында силердин конуш журттарга качып кеткендери бар. Чийинден чыккан бул бузукуларды кармап беришиңер керек. Чын ыкыластан берилип, ынтаа коюп кызмат этсеңер, мен сый-тартуумду сөзсүз көбөйтөм.

Жакында казактарга атказылган чжанцзин Наван ордого жөнөтүлгөн өкүлдү коштоп баратып, жолдон силердин бурут Каработо менен карп-курп кездешип калган.

Казактарга жиберилген Баэрхуту кабарлады: КазакСарынын ойроттору, үй-бүлөсү менен жыйырмадан ашуун адам, буруттардын саяк жана сарыбагыш журттарына качып кетишкен. Казак-Сары деген жакшылыкты билбеген, кечирим кылышка татыксыз чуулгандуу каракчы. Ушу кезде силердин конуш журттарга качып кетишти.

Чын-чынына келгенде, аталган урук-журттардын адамдарына качкын кесептер менен (алардын) аялдарын кармап, жөнөткүлө деп сиз өзүңүз айтууга тийишсиз. Алардын урук-туугандарын (силерде) калтырышка болбойт.

Черикчи, сен, буйрукту алгандан кийин, аталган урукжурттар сенин конушуңдан канчалык алыс болбосун, же өзүң аттанып барып (кесептерди) издеп таап камакка аласың, же кармап жөнөтүшкө буйрук кыласың.

Ошону менен бирге эле муну эскертебиз: дагы бир жолу мурдагыдай (качкындарды) жаап-жашыра турган болсоңор, анда цзянцзюнь менен дачэнь аскерди өздөрү баштап келип, камакка алышат. Аталган урук-журттарга байланыштуу айтарыбыз, (кесептерди) тезирээк кармап, аскер туругуна жөнөтүш үчүн коркутуп, жүрөгүнүн сары суусун алуу керек.

Баалуу сый тартууга карк болушту кааларыңызды цзянцзюнь билдирди.

25а Ошентип, биздин аскерибиз жакында тополоңчу уйгурларга чабуул коюп, жок кылды. Бурутгар Кашкарга караштуу Янги-Гиссар калаасын талап алганын угуп, жардамга бараткан Борониду кайра артка кайтып кетти. Эми силердин конуш журттар жөнүндө. Сөз кол атказылганы жөнүндө эмес, аларды ким баштап чыкканы жөнүндө. Так биздин жоокерлер кесептердин шаарына чабуул коюп жаткан кезде, оңдой берди кылып, бул буруттардын жабыла кол салып калганы кесептердин күчүн бөлүп-жарып, эң бир мактоого татырлык тамаша иш болду. Мен сый-тартуумду мол кылмакчымын. Сиз да териштириптекшерип, аныктыгын кабарлаңыз. (Ким болгон күндө да) бул бурут (баары бир) сиздин урукташыңыз. Ал менин кайыр-сыйыма арзыйт. Айтарлык иштер сизде да бар. Болгонун болгондой жазып, жолдон дачендин кеңсесине кез келгенде берип жибериңиз. Кабар болсо, атайын жарлык чыгарабыз.

25б Цзюньцзи дачэнге жана буйрук: бурут Черикчиге байланыштуу чыгарылган буйрукка тийиштүү нерсенин бардыгы Цин Фуга берилсин. Черикчиге тапшырылгандан кийин, эгер жооп болсо, тез жеткирилсин. Эгер ал Баркүлдөн (Баркөл?) аттанып чыгып кеткен болсо, анда Цин Фу артынан шашылыш кабар жиберип, анын жообун алсын да, маалымдасын.

29а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Цин Фу билдиргендей, оң канат казактары менен иш жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу өкүл жолго чыккан.

29б Белек-бечкек, кийим-кечектерди жана офицерлер менен жоокерлерге арналган азык-түлүктөрдү сакчыл ардын кайтаруусу астында ташып жеткириш үчүн 90 төө талап кылынган. Андан тышкары, офицерлерге, жоокерлерге жана ыйгарым укуктуу өкүлгө кам-чомун камдап беришке ар бир адамга экиден ат, бардыгы болуп 130дан ашуун ат керек. Ишти мындайча жүргүзүү натуура.

Казактар менен буруттар башынан эле Баркөлгө атчан, төөчөн келишчү; малын жайып коюп, анан почта бекеттери аркылуу борборго жетишчү. Келген жагына кетип баратышканда, адатта, миңгич аттары кайра кайтарылып берилчү. Эгерде кабыл алуу каадасына биринчи жолу келип жатышса, анда тиешелүү түрдө көбүрөөк камкордук көрүлчү.

Качан алар өз жерине жетээр замат, (бардыгы) кайра кайтарыларын айтып түшүндүрүү керек; казына камсыз кылат деп карап отуруштун кажети не?

Алар – алыскы чегарада турушкан чет жерликтер; эси-дарты эптеп бир пайда таап калуу. Эгер тартипке салсак, мындан ары карай көп күндүк жол, кантип камсыз кылалабыз?

Мурда жуңгарлардын чабаганчылары кайтып келе жатканда, Баркөлгө дейре узатып, ат-көлүгү кайрып берилчү; казынанын эсебинен камсыз этүү деген эзели болгон эмес.

Жөн эле эсенчилик сурашып, көрүшүп коюш үчүн келип жатышкан бул арзыбаган адамдар жөнүндө айтсак, Цин Фу аларга борборго барышканда кайрымдуу кабыл алууга катышып, белек-бечкек менен сыйланышарын баса белгилеп эскертиши керек. Элеттик кызматтын эрежеси эзелтен ушундай. Ошондой болсо да, Цин Фуга казактарга мына буларды эскертип коюуга буйрук беребиз: казынанын эсебинен камсыздоо деген эч качан болгон эмес, андыктан, эгерде алар кабыл алуу каадасына биринчи жолу келип жатышса, анда тиешелүү түрдө кам көрөбүз. Кийин Баркөлдө өздөрүнүн ат, төөлөрүн кайта алышат.

30б (Алар) өз жерине келгенде, казыналык ат, төөлөр коштоп жүрүшкөн офицерлер менен жоокерлерге өткөрүлүп берилет жана кайра кайтарылат.

Демейдегидей эле кандай кошумча буйруктар берилгенин кабарлагыла. Эгер ушу кезде бардык ишти жайгарып, (азык-оокат тарткан көчтү) жолго узатып жиберсеңер, анда тийиштүү түрдө бүт кол башчыларга көрсөтмө берип, коштоп бараткан офицерлерди жана кызмат адамдарын (бул) буйрук менен кабардар кылгыла.

68-бап

1759 ж., 2-ай

33а Аскер кеңешинин министрлерине Императордун жарлыгы.

Кол башчы Чжао Хуэй ушу тапта аскер кошундарын бир жерге топтоду, (аларды) тартипке салып, анан аттанып чыгышы керек. Азыр ат-унаалар, азык-оокаттар үзгүлтүксүз жеткирилүүдө; ушул учурда ар бир чепте эгин өз маалында себилдиби, же жокпу, жакшылап көз салып, керек болсо жардам беришке шашылуу зарыл. Кесептер болсо, эгер эгин эгишпесе ачка калышат. Эгишсе, дан бышканча аскерибиз аттанып чыгып, (эгин-тегин айдоолорун) тебелеп-тепсеп таштайт. Сөз жок, өзүнөн өзү айласыз акыбалда калышат, ошондо колго түшүрөбүз. Бирок аскерди тизип, кайрадан аттанып чыгарыбызды Жихан-Кожо билип калчу болсо, кармалып калыштан чочуп, күн мурунтадан кай жакка качыштын камын көрө баштайт.

33б Сыягы, ушундай болбой койбойт. Яркенд менен Кашкарга жакын жердеги казак жана бурут журттарын айтсак, эзелтен араздашып келишкен, (андыктан) кармап берип коюшпасын деп чочулап, ал жактарга качалбайт. Качандыр бир мезгилде ал Или чөлкөмүндө кыйла убакыт жашап турган. (Ошондон улам) түндүк тарапты көздөп, Орусияга өтүп кетиши да мүмкүн. Чжао Хуэй менен Фу Дэ сактык чараларын көрүп, алдын ала камданууга жана жолдорду тостурууга тийиш.

Хотанга көмөк көрсөтүшкө 2–3 жүз атчан аскер жиберишти Юнгуй менен макулдашканын жакында Балу кабарлады. Анын цзянцзюнга жардам бериши зарыл. Аскер туругуна келгенде, дагы акылдашып көрсүн. Убагында (ал) Фу Дэ кесептер менен согушуп атканын уккан, бирок эки кол кошулганын али билген эмес.

34а Ошон үчүн оңтоюн келтирип туруп, күчтөрдү бөлүштүрүү керек деп ойлогон. Цэринчжабанын маалыматына караганда, кесептер өтө тездик менен чабуулга өтөрүн Юнгуй кабарлады; андыктан шашылыш жардам көрсөтүү ого бетерден зарыл болуп калды.

Хотан жергеси кенен, эгини мол. Кесептер түштүкчыгыш жолу менен качары бышык, арийне, аскерибиз баш кошкон, а күчүбүз сан кол. Анын үстүнө Яркенд да жакын арада. Балу жардамга бир канча жүз аскер баштап жөнөсө, тамак-ашын тегерек-четтен эле таап, Аксудан ала чыккан азык-оокатын үнөмдөп калса болот. Чжао Хуэй жагдайга жараша чечет жана бардыгын баяндап билдирет.

Фу Дэ кабарлагандай, ал мурда Кашкарга Бархунь кырка тоосу аркылуу өткөн. Жакында Сиандан 2 миң манжуу жоокерин атказышты. Дашиавдын 500 жоокери Ирэн-Хабиргадан жылкы айдап келишти. Фу Дэ аскерди Бархунь кырка тоосу аркылуу баштап барышка даяр болсо, жагдайга жараша манжуу жана солон жоокерлери менен түркстандыктардын алдын тосо чыгып, Сиандан келишкен манжуу жоокерлерине кошулат. Ошондо бардыгы ойдогудай болот. Анан ыңгайга ылайык аракет кыласыңар. Биздин айткан-дегенибизге сокурчасынан жетелене бериштин кереги жок. Бирок бардыгын калтырбай кабарлап тургула.

Императордун жарлыгында мындай деп айтылган: Чжао Хуэй менен Фу Дэнин эки колу кошулуп, кайрадан аттанып чыгышка камынууда. Козголоңчу КожоЖихан качканы турат, бирок биздин оюбузча, сөзсүз эле казактарга же буруттарга эмес, Или тараптан түндүккө, Орусияга жылт коюшу мүмкүн. Императордун алдын ала даярданып, жолдорго тосот койгула деген буйругу Чжао Хуэйге жиберилди. Арийне Түркстан менен Илини байланыштырып турган жолдор эң эле көп. Цзянцзюнь Чэнгуньчжабга Императордун Буяньту менен Улясутайдан миң жоокер атказылсын жана азык-оокат жагынан жабдылсын деген жарлыгын жарыя кылабыз.

69-бап

Баркөлдөгү иш башкаруучу Цин Фу бурут өкүлүнүн жообун маалымдайт.

Цин Фу кабарлады: бурут бийи Черикчи 2-айдын 4-күнү Баркөлдөн аттанып кетти. Императордун буйругун таазим этип алаар замат, а тууралуу кабарлашка артынан аймак башчысынын мурдагы жардамчысын чаптырдым. Күнү-түнү жол жүрүп, Черикчини коштогон офицерлер Толуньтай менен Дасанга жет, жакшылап табыштап айт дедим.

Черикчи билдирди: «Казак-Сарынын ойроттору менин журтумда эч качан болушкан эмес. Азыр айрымдары тымызын кирип, жашынып жүрүшөт. Борониду менен Хоцзичжань келип калышса, сөзсүз кармап (Сизге) жөнөтөм. Кашкарга караштуу калааны каракташкан буруттар тууралуу айтарым, андайга жүрөгүм даабайт эле, (алар) кайсы журттан экенин билбейм. Кайтып келгенде иликтеп билип, кабарын билдирээримди

Урмат менен маалымдайм».

70-бап

1759-ж. 9-ай

Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго аскерди жабдууну кыскартуу тууралуу Императордун буйругу.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Чжао Хой менен Фу Дэ билдиргендей, жортуулга аттанып жаткан аскерди курал-жарак, туз, чай ж. б. менен жабдыш үчүн азыр 400–500 мин лан күмүш талап кылынат.

Унаалыкка тийиштүү санда төө жөнөт деп динчжанга кабар кылдык, а динчжан канча жоокер барын аныктап, күчтүү жана бараандуу төөлөрдү тандап алууга тийиш.

Аксуга канча күрүч, канча кездеме сатып алуу керек, билдир деп, Юнгуйга да кабар жеткиздик. Ишке киришкенде эле аскердин аттанып чыгышына кедерги болбосок экен деп чочулай баштайм. Динчжандын элеттик кызматында иштин көбүн башкаларга жүктөп коймой жаман бир адат бар; арийне, жортуулга кам урууда Чжао Хой да өжөрлүгүн көрсөтүүдө.

Башынан белгилүү, ар качан согуш аракеттери үчүн бөлүнүүчү күмүш саны 300 миңден ашчу эмес; ушул толук жетиштүү болор эле. Мен согуш чыгымдарына сараңдык кылбайм. Арийне, офицерлер менен жоокерлер үчүн керектүү нерсенин бардыгын, айталы, кийим-кечелик кездемени, ичкеридеги жер-жерлерден сатып алсак да, бирок дароо бир нече он миңин алыш өтө кыйын. А түркстан шаарлары тарабынан бөлүнгөндөрү чектелүү, муну билүү кажет. Бөлүнгөн акчаны азырынча этиятташ керек.

А качан ийгилик болгон кезде толуктайбыз, ошондой эле, алардын (б.а., офицерлер менен жоокерлердин) жашоо каражаттарын да көбөйтөбүз.

Эгер ушу кезде офицерлер менен жоокерлер уйгурлардан буюм-тайым сатып алышчу болсо, ал урунганга жараксыз; азырынча тыюу салуу керек. Аларга ашыкча чыгым тарттыруу болбогон иш.

Мурда алар (б. а., Чжао Хой жана Фу Дэ) өз билдирүүлөрүндө өчөгүшкөн Хоцзичжань менен айдалган уйгурларга байланыштуу кандай кыбыр эткен кырдаал болсо, ошонун бардыгын төкпөй-чачпай, ыгына карата кабарлап турушчу эле. Буруттар (жардамга) кол атказдыбы же жокпу, Казак-Сары уйгурларга барып жашындыбы же жокпу, эмне үчүн кабарлашпайт? Жазалоо жүрүшүн жүргүзүүдө Чжао Хой куру сөзүн коюп, чындап күч үрөөгө тийиш. Жоокерлер менен кошо жөнөтүлг өн офицер Ганьцинмынь калыс тергөө жүргүзөт жана аскер туругунун карамагына кошумча түрдө киргизилет.

25а Динбянь цзянцзюнь Чжао Хуэйге аскер күчүн атказып жөнөтүү жөнүндө буруттарга кабар берүүгө Императордун буйругу.

Аскер кеңешинин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Мурда Чжао Хуэйдин наамына Императордун Чыгыш Түркстанды тынчытууда буруттарга жардам катары аскер күчүн атказып, жиберүүгө буйрук берилди беле, же жокпу, билдиргин деген тапшырмасы болгон. Азыркы учурда, эгер буруттарга муктаждык бар болсо, анда алардын конуш журттарына кимдир бирөөнү жөнөтүп, мындай деп ачык айтуу зарыл деп эсептейбиз: «Даңазалуу аскерибиз Яркендге чабуул баштаганда, силерге жоокер күчүнөн көмөк көрсөтүшкө буйрук берилген. Силер атайы биле туруп, катуу суукту, калың карды шылтоо кылгансыңар. Кийин даңктуу аскерибиз, кичине кечигип болсо да, ийгиликке жетишти; көптөгөн кесептерди жок кылды. Азыр аскерибизди кайтадан чоң жортуулга аттандырып жатабыз. Козголоңчу (Кожолор) колго түшчү күнгө да аз калды. Силер Теңир жалгаган бийликке чын ыкыластан ыкрарлык кылып, императордун көңүлүнө жаккан соң, анык берилгендигиңерди көрсөтүү жана алдыда ырайым-ызатка татыктуу болуш үчүн жардамга каруу күч атказууга тийишсиңер деп ойлойбуз. Балким, жоокерлериңерди жибергиңер келбей тургандыр; ошону менен түркстандыктарга жардам кылгыңар келип жаткандыр. Мейлиңер?

Арийне, силердин конуш журттарыңар Кашкардан алыс эмес. Даңктуу аскерибиз Яркенд менен Кашкарды алгандан кийин, кандай кылышты калчап көрөбүз.

26а Эгер күчүңөр дале баштагыдай жетишсиз болсо, анда жардам бергиле деп дегеле кыйнабайбыз. Кокус Жихан-Кожо силердин журтуңарга күчтөп кирип келишке мажбур болуп калса, (аны) тезинен байлап беришке милдеттүү экениңер турулуу иш. Жок, кайта дагы кол куушуруп, сырттан бейкапар көз салып отуруп алчу болсоңор, аны да сөзсүз териштиребиз».

Ушундай деп билдиргиле; эмне деп айтышарын анан көрө жатабыз. Эмне кылышты дагы да жакшылап ойлонуштургула жана ыгы келгенде кабарлагыла.

72-бап

1759 ж., 4-ай

27б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой кыргын согуш аракети кандайча жүргүзүлөрүн билдирет:

«Мен уйгурлар өстүрүп жаткан буудайды текшерип көрдүм. Быйыл толук жыл болгондуктан, 6-айда түшүм жыйнай баштаса болот экен.

28а Кесептер түшүм жыйноого киришкенче, даңктуу аскерибиз аттанып чыгышы керек; ошондо ишибиз оң келет. Азыр ички аймактардан ат-көлүк сатып алып жөнөттүк, 5-айдын орто ченинде, буюрса, келип калат.

Фу Дэге караштуу аскер туругун атказууга алдын ала кам көрүүдөн тышкары, мен жортуулга 5-айдан калбай чыксамбы деп турам. Болгон шыбыш жаңылыктарды астыртан акмалап билип, ыгы келгенде кабарлап турганга уйгур (тыңчыларын) жиберем. Жагдайга жараша Уштан 40 түтүн бурут жөнөтсө болорун башта Эхуй-кожо менен акылдаштык эле. Алардын ичинен 10 адамды иргеп, алдын ала даярдап койдук. Мен аттанып чыгышка жана жагдайга жараша аракет жасап, ийгиликтер тууралуу батыраак кабарлашка бүт болгон күчүмдү жумшайм». А тууралуу урмат менен билдирем.

73-бап

1759 ж., 5-ай

14б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго кыргын жортуул кырдаалын талдоого буйрук. Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Чжао Хой билдиргендей, буруттарга атказылган офицерлер Чэн Го менен Бучжаньтайды бурут (бийи) Минилеха жана Кашкардын мурунку бектери Ациму (Аким, Хаким) менен Хэшкэ коштоп жүрүшкөн. Агаини кожолор Кокондун Ирдана-беги менен достошконун кабарлашты. Балким, кийин ошол жакка жашынганы жатышса керек.

Кашкардан батышты карай үч тоо жолу кетет. Даңазалуу аскерибиз кесептерди кармагысы келсе, оболу Кашкарды алып, анан бул үч орчундуу түйүндү ээлеши зарыл, ошондо (кесептердин) качаар жолу кесилет.

Ирдана-бекке капсалаң тууралуу кабар жиберилгендиктен, адегенде Кашкарды алабыз, андан соң аскер кошундары кошулчу жер – Яркенд болот. Ийине жеткире чогуу талкуулап, анан кабарлагыла. Кесептерге карата жазалоо жортуулун баштоо, кача турган жолдорун бууп таштоо – бул, албетте, эң сонун ойлонулган иш. Арийне, оболу Ярхендге токтолуп, анан Кашкарга чабуул койгондо, дурус болбой калат. Күчүбүздү бөлүндү кылсак, кубатыбыз начарлап, үзүргө жетишибиз кыйынга түшөт. Кыязы, Уш тараптан Кашкарга тез кирип барса болот. Чжао Хой менен Фу Дэ жолду жакшы билишет, бардыгын өздөрү караштырып көрүүгө тийиш. Жакында (биз) Фу Дэ кайсы жолдор менен жортуулдаганын карап көрдүк. Яркенддин батыш жагында Яньэципань тоо кыркаларынан Бокэхурмань ашуусу аркылуу Бадахшанга кетчү жол бар. Мен буйрук кылам: аскерди жайгаштыруу жана жолдорду тосуу зарыл.

Мурда бу жерлер жөнүндө сөз болгон эмес деп, Чжао Хой жаңы эле билдирди; кунт коюп талкуулоо кажет. Айтса-айтпаса уйгурлардан сураштыруу керек. Ак сөөктөрдүн арасынан каалоочулар чыкса, аларга тапшырса да болот.

Кыскасы, алды менен кай жерден чабуул коюшту, кай жерден жолду бөгөштү чогуу макулдашууга Чжао Хой менен Фу Дэге буйрук беребиз. Жер арасы алыс, менин нускоому күтпөй, жагдайга жараша аракет жасагыла.

74-бап

1759 ж., 6-ай

Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго буруттардан келишкен уйгурлардын баш ийишине байланыштуу Императордун буйругу. Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Чжао Хой кабарлады: буруттардын арасында жашаган уйгур Этоланьчжу Кожо Махмуд бурут Маматкул жана Нарбату (Нарбото), ошондой эле жан-жөкөрлөрү менен бирге моюн сунуп келди. Ал Хоцзичжань менен бир уруктан болорун маалымдады. Башында даңазалуу аскерибиз Илини караткан убакта, багынышты каалаган, бирок тополоңчулар кайрадан козголгондо, тымызын буруттардын конуш журтуна барып жашынган. Былтыр даңктуу аскерибиз Яркендге жакындап келгенин эшитип, анын таякеси Эркекожо Эсэи (Хусейн) менен үкөсү Турдукожо жоокерлерди баштап барып, төрт кашкар кыштагын каракташкан. Ушу тапта мурункудай эле бурут Нарботонун журтунда турушат жана качан чабуул башталарын күтүп жатышат; чындап берилгенин көрсөтк үлөрү келишет. Этолань-кожо Махмудду, ага кошо Эрке-кожо Эсэини жана Маматкулдун адамдарын грамота менен сыйласак болобу, же жибек кездеме тартуу кылсак жетишеби? Мына ушуну тактап билдирүүгө Чжао Хойго буйрук кылабыз.

Буруттардын ичинде Маматкул сыяктуу (бизге) чындап берилгендери бар болсо жана ошондой эле кокус Ирдана-бек кайтадан чын ыкыластан ыкрарлык кыларын кабарлап калса, балким, жылуу-жумшак бир жарлык чыгарарбыз? Баарың чогуу кеңешип, карап көргүлө жана билдиргиле.

Арийне, буруттарда (турушкан) уйгурлар-козголоңчулардын тууган-уруктары жана мурда Илиде жашашкан; азыр болсо моюн сунуп отурушат. Мүмкүн, биз качан уйгур шаарларын каратарыбызды күтүп, өздөрүнө жакшы болор бир жагдайдан үмүт этип турушкандыр? Айтор, көп эле ишене бериш жарабайт.

Биздин аскер уйгурларды багындырды; мындан ары аларга жашынып жүрүшкө жол бербеш керек; тийиштүү түрдө борборго жөнөтүп, жайгаштыруу зарыл. Кандай иш-аракет болору алдын ала ойлонуштурулууга тийиш.

75-бап

13б Чжао Хой билдирди: мен Кашкар уйгурларына байланыштуу кабар-жаңылыктарды билип, аскерди алдыга баштап жөнөдүм. Фу Дэни кабардар кылдым да, Алигунь менен Балуга батыраак келип калгыла деп айттырганга Барчуктан кишилерди чаптырдым. Андан тышкары, Кашкарда эгин бышып, жыйналбай тургандыктан, Эминь-кожонун уулу Мусаны шаштырууга жана шаарды тынчтандырууга, качып кетишкен кесептердин канча жери бар экенин аныктап, аштыкты аскердин азыгы үчүн жардамга берүүнү уюштурушка жибердим. Буруттардын жоокерлери келип калышса, кесептердин артынан чогуу түшүшкө буйрук кылабыз.

Кашкарга салык төлөөчү Абатэ (Ават) калаасынын беги Нияз 6-айдын 5-күнү кабар жеткиришке бир уйгурду жөнөтүптүр; анда мындай деп айтылат: «6-айдын 12-күнү Хоцзичжань Яркенд менен Кашкардын калкы көчсүн, а шаар болсо өрттөлүп, кыштактар кыйратылсын деп айттырганы Абудуклэмди Боронидуга жиберди. Борониду бектердин чечимине макул болгон жок. 20-күнү Абудуклэм ошондой эле бардык шаарлардагы уйгурлар Бадахшанга көчүшсүн жана болжол менен 24ү күнү Тисыгунга чогулушсун деп жазылган катты дагы тапшырды. Мен 12си күнү жабык шаарда кароолдо туруп, адамдар

Тисыгундан 29-күнү бүт Янги-Гиссарга кетишээрин, а 6-айдын 7-күнү жолго чыгышарын угуп калдым.

14б Бир тууган кожолор Цилигуньбасудан (Чиркун Баш) жолугушканы жатышат. Даңазалуу аскер үлгүрсө, аларды колго түшүрө алат».

Бул билдирүү боюнча мен бизге башынан моюн сунган Ахуньцзимор менен да кең-кесири сүйлөшүп, жагдайды тактадым. Кесептердин качканы чын, бирок ар бир эле шаардын оокат-мүлкүн талап, талкалай беришкен эмес, сыягы, кайтып келебиз деп ойлошот окшойт. Арийне, артынан сая түшүп, качаар жолун тосуп салбаса, (аларды) кармап калыш кыйын болобу деп корком.

Мен ошону менен бирге бурут Налбатуга (Нарбото) кесептердин Сарыколго, Кокондун Ирдана-бегин көздөй кетүүчү жолун кесип ташташка жана (алардын) соңунан сары изине чөп салып, кубара куугун кылышка буйрук этип, кабар жөнөттүм. 6-айдын 12си же 13ү күнү Кашкарга жетип, тынчтандыруу ишин баштадык. Кесептердин шашылыш качып жоголушуна жол койбоо, кай жакка качып жатышканын так чалгындоо, тездик менен артынан сая түшүп, туткундоо үчүн даңктуу аскер кайрылып келгенин жарыя кылдык.

Урмат менен билдирем.

15а Долундук баш ийген уйгурлар кесептердин качканы тууралуу кабарлашканын Цаньцзань дачэнь Алигунь маалымдады.

Алигунь билдирди: «Биз Балу экөөбүз 6-айдын 28-күнү аскер менен Барчуктун жанындагы Янарыкка жеттик. Ыңгайына карап сураштырып билгиле деп, фудутунь Чоутунду, шивэйлер Чалафынды, Гунтэтуньэни 500 жоокер менен жөнөттүк».

15б 6-айдын 6-күнү Барчукка жеттик. Кызматтан бошотулган Толуньчу менен Далишань, өздөрүн көрсөтүш үчүн Соумотэнин 20дан ашуун адамын – долундук уйгурларды кармап алышкан. Алар даңктуу аскер жакындап келип калганын угуп, Кашкардан качып чыктык деп айты шууда.

Ушу кезде Хоцзичжань Барчуктан чегинип кетти. Бир тууганы эки шаарда кесептерди чогултуп жатат. Буруттар алардын айыл- кыштактарын талап алганы угулууда. Агаини кожолор акылдашууда: Кара-Тибетти карай качсак, даңазалуу аскер Хотандан жолубузду бөгөп койбойбу деп коркуп атышат. Кокондун Ирдана-бегине киши жиберип көрүштү эле, ал да макул болбоду. Бадахшан жолу менен Хиндустанга качканы турушат. Мен Соумотэни көрдүм; булар бир байкуш уйгурлар; алардын айтканы ишеничке арзыбайт.

Азык-аштык коштогон кызматкерди Аксуга жөнөттүк, жана эки жол четиндеги аскер туруктарына кабар айтууга чабаганчы чаптырдык.

Урмат менен билдиребиз.

75-бап

27б Динбянь цзянцзюнъ Чжао Хойго аштыкдан жана ат-колүктөн көмөк көрсөтүү жагын ойлоштурууга Императордун жарлыгы.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Жакында Чжао Хой козголоңчу кесептерди кууп жетип жок кылууга 2 миң жоокер менен Минжуйду атказганын кабарлады. Минжуй тез кууп жетип кармаса, албетте, эң жакшы болор эле. Эгер кесептер алыска качып кеткен болсо, анда офицерлер менен жоокерлерге азык-оокат жагынан жардам берүү зарыл. Арийне, офицерлер менен жоокерлер көбүнчө бурут журттарына келишет. Алар бизге чын ыкыластан баш ийишкен. Кесептердин башчыларын колго түшүрүшкө жардам бергиле деп, (аларга) буйрук кылдык. (Аскерди) жабдышты аларга тапшыруу чекилик болот, андыктан, кандай кылышты Чжао Хой ойлоштурушу керек. Ат-көлүк жагы кандай болот, ага да акыл калчоо кажет. Эгер жаздан баштап жайга дейре бир канча ирет 20 миңден ат жөнөтсөк, анда дээрлик толугу менен жеткирип үлгүрө алабыз. Жайыт жагына буруттар өздөрү кам жешсин. Жаралуу аттар болсо, алар уйгурлардын, же буруттардын жараган жылкыларына айырбашталып, орду толтурулсун. Алалбаган күндө да, 10 миңи ат-көлүктүү экенин эске алып, тандамал 5 миң аскер атказабыз; ошондо жетмек түгүл, артып калат. Ишти быйыл аткаралбасаңар, азырынча Яркендге кайтып өргүгүлө. Фу Дэнин билдирүүсүндөгү Хоцзичжандын үйжайын бузуш керекпи деген суроосуна карата айтаарыбыз, кесептер кармалгандан кийин ага баньши дачэндин кеңсесин, же жаңы шайланган хаким-бекти жайлаштырса болот. Баяндалган буйрук кабарлансын.

75-бап

42а Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой качып өтүшкөн уйгурлар жөнүндө кабарлайт.

Чжао Хой билдирди: Эрке-кожо Эсэинин (Хусейн) мурда буруттардын арасында жашаган жээни Этоланьчжу-кожо Махмут моюн сунгандыктан, анын көңүлүн сурадым: ал Ахунь Хоцзимор менен таламдаш. Аскердин артынан ээрчишке буйрук эткенибизге байланыштуу, жардамга кол жөнөт деп, таякесине кат жибердик. Мен Кашкарга жакындаганда, Эсэи (Хусейн) киши чаптырып, 6-айдын 18-күнү Боронидунун жүздөн ашуун адамын жолуктуруп, көбүн өлтүргөнүн жана туусун тартып алганын кабарлады.

Мен аны тынчтандырып, адамдарды тууган-туушкандарын кармашка жөнөтүшкө, өзүн кабыл алуу каадасына келишке буйрук кылдым.

76-бап

1759 ж., 7-ай

Цаньцзань дачэнь Алигунга качып баратышкан кесептердин жолун буушка буйрук.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Алигунь жакында билдиргендей, ал аскерге артынан сая түшүп, Хоцзичжанга сокку урушка буйрук берген.

Качып өткөн уйгур Кэбокэден сураштырышканда, ал Хоцзичжань азыркы учурда буруттардын Шаласы конуш журтуна кол салып, талап алганын кабарлаган.

Борониду Сарыколдо аттарын өргүтүп жатат. Алигунь козголоңчу кесептерден 5–6 бекет аралыкта турат. Чжао Хой мурда эле шашылыш жол тосушка Мин Жуйду жиберген. Чабаганчы чаптырып, эки жагынан кол салгыла деп айттыруу керек.

Анын үстүнө, Мин Жуй жайнаган сырткы жапайылар жайлаган жерлер аркылуу өтөт. Алар кесептерге жардам беришпеди бекен, же ашып-шашып баш ургандары бар болду бекен? Бардыгы такталсын жана билдирилсин.

Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго тынчытуу жана сыйлоо иштерин орундатышка Императордун буйругу.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Чжао Хой билдиргендей, башта, Яркендди багындырган кезде, аттанып жолго чыгышка уруксат сурашты эле, анткени кесептерди кууп жетүү зарыл деп саналган. Ошол учурда көптөгөн буруттар катары менен баш ийип, (аларды) убактынча Янги-Гиссарда калтыра турушту өтүнүшкөн.

Эминь-кожону Яркендге эртелеп жөнөй беришке буйрук эткенибиз эң эле өз маалында жасалган ырас иш болду. Ушул убакта Фу Дэ, Алигунь, Балу, Мин Жуй козголоңчу кесептерди кууп жетүүгө тийиш. Азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүштү айтсак, баш ийген калайыккалкты (кол кабыш кылышка) тарттык.

Чжао Хой мурункудай эле болгон ишти өз колуна алуу га тийиш. Баш ийген буруттарды шыктандырыш үчүн Императордун сыйлык ыйгаруу тууралуу жарлыгын жарыялоо зарыл. А балким, атайын өкүл аркылуу алака түзүп, тийиштүү түрдө офицерлерди жиберээрбиз? Кабыл алуу каадасына келишти каалашса, мурункудай эле казактар менен буруттарды борборго коштоп узатуу ылаазым.

Бадахшан, Анжиян жана башка эл-журттар (биздин) дөөлөткө умтулуп жатышканы угулууда. Жана кабарга караганда, анжияндыктар кесептерди кармашка жардам бергиси келишет экен, бул өтө кубанычтуу жаңылык. Кармашар замат, жеңиш кабары төгөрөктүн төрт бурчуна желдей учуп тарайт.

Цаньцзань дачэнь Мин Жуй кесептерди Хосыкулуктан кууп жетип талкалаганын кабар кылды.

Мин Жуй билдирет: мен Чжао Хой менен бирге 6-айдын 14-күнү Кашкарга жеттим. 15-күнү козголоңчу-кесеп Хоцзичжандын артынан сая түштүм. Кесептердин качканына 18 күн болгонун, эгер Сарыколдо өргүшпөсө, ушу тапта Памирге өтүп кетишээрин эске алып, (биз) күн сайын өзөн-суулардан кечмелик кечип, көп жерден бийик чокуларды айлана, тоо этектей жүрдүк. Төрт күн ичээрге суу, оттогонго чөп жок, аттар аябагандай арып-ачты. Алдыдан жол чалдык; басып өткөн жолубузга окшоп, жүрөөр жолубуз да ошондой татаал болуп чыкты. Ошондон улам, кыска жол тапса болбойбу деп, узатып жүргөн дөрдөн сурадык. Андан соң кошуунга келген бурут Худу-бек бул Памирге кетүүчү жол экенин айтты. Арийне, дагы эки Бадахшанга, анан Болорго барчу жол бар.

Анжиян багытына барыш үчүн Сарыколдон түндүк тү карай Кара-Көл аркылуу жүрүш керек. Ал жакта бурутта рдын кыпчак уруусунун конуш журттары орун алган.

Мен буруттарды чакырганга киши чаптырып, күнтүн жол жүрдүм. Үстүбүздөгү айдын 25-күнү Кара-Көлгө келдик. Кайгуулчулар буруттар көчүп кетишкенин, бирок жолдо кесептердин басып өткөн издери калганын кабарлашты. Кырга чыгып көз салып, 50–60 ли аралыкта чаң көтөрүлүп турганын көрдүк. Мен 1300 чамалуу жоокерди иргеп алып, кийинки кечте добулбас беш ирет кагылганда кесептердин изин чалышка аттанып чыктым. Жайыттарда ыгы келгенде сурамжылап жүрүп олтурдук. 28-күндүн таң заарында кайгуул Пулэту бир кесепти туткундаганын кабарлады.

76-бап

11 а–б Динбянь цзянцзюнь Чжао Хойго кесептерди Анжияндан колго түшүрүштү уюштуруу жөнүндө Императордун буйругу.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

11б Чжао Хой билдирди: узатып жүргөндөрдөн Бадахшанга барчу жол узак жана кууш экенин билдик. Козголоңчу-кесепти ээрчип кетишкен Бодиргэ жана башкалар – бардыгы тең Анжиян менен Бухарадан болушат; алар сөзсүз Анжиянга келбей коюшпайт. Андай болсо, аскер Эполэден Мушка кетүүчү жол менен (кесептерди) кармашка жөнөсүн.

Сөздүн ачыгы, эгер кесептер Анжиянга кире качышса, анда Чжао Хой аскер менен (аларды) туткундашка аттанат; а Фу Дэ болсо, кайтадан артынан сая түшөт. Аскерибиз колго тушүрчү болсо, анжияндыктар камакка алып, өткөрүп беришет.

Түндүк жолунан Гэлцзат Дэмчи Болсянь туткундалды. Анын айтканынан Казак-Сары кайда экени Анжияндабы же буруттардабы, бүдөмүк.

12а Бардыгы тең аракет кылып, чекмелеп билишсин. Мин Жуй ыгы келгенде сураштырып көрсүн; эгер кашкарлык уйгурлар бар болсо, даңазалуу аскердин кабарын билдиришке кесептерге атказсын. Уйгурлар демекчи, аликүнчө Кашкарда жашынып жүргөндөрү да жолугат; ошондой эле алар Яркендде жок деп кепилдик кылыш да кыйын. Чжао Хой кылдат текшерип, кыянаттык кылгандарын катуу жазалоого тийиш.

76-бап

20б Ушта орундашып турган баньши аньчаши чжисянь На Шитун буруттар менен болгон соода-сатыктын абалы жөнүндө баяндайт.

21а На Шин-ту билдирди. 7-айдын 8-күнү Кукурлик кароолуна келген бурут соодагери Келди миң түтүн саяк уруусунун бийи экенин маалымдады. Былтыр, цзянцзюнь буруттарды баш ийишке чакырганда, (ага) мөөрү менен грамота тапшырып, Анжиян тараптагы урук-журттарды Илиге көчүшкө жана моюн сунушка үндөп кел деп буйрук кылган. Быйыл биринчи айда Илиге келип цзянцзюнду издеп, бирок кезиктире алышкан эмес.

21б Жакында Хошкэ-бек цзянцзюнь менен дачэнге кез келгенин угуп калып, ошондон улам 6-айдын 1-күнү жылкы, уй, кой айдап жолго чыккан. Цзянцзюнь жортуулга аттанганын, а Ушта болсо дачэнь турарын билет, андыктан соода кылышка уруксат берип койгула деп абдан суранууда.

Мен текшерип көрдүм, Келди бир азыраак мал айдап келиптир, казынанын керек-жарагына сатып алганга жарамсыз, баасы да эң эле кымбат. Ошон үчүн (ага) айттым: «Бизде ичкери жактардан абдан көп мал айдап келип жатышат, соода кылганга муктаж эмеспиз. Цзянцзюндун мөөрү басылган грамотаң бар экен, ушуну эске алып, уш (Үч-Турфан) уйгурларына соодалашканга жөнөтөйүн. Артынан байкагын» – деп кызматкер жибердим. Жылкы менен уйга 30дан 40 ланга чейин, ал эми койго 13 лан болжолунда баа бычышыптыр. 6 күн соода кылып, баарын толугу менен сатты. Келди абдан курсант болду. Мен ага жибек жана башка белек-бечкек тартууладым жана 18и күнү кароолго узатып, журтуна кайтышка буйрук кылдым, а тууралуу

Урмат менен билдирем.

76-бап

1759 ж., 8-ай

27б Динбянъ юфу цзянцзюн Фу Дэ Сарыкол уйгурлары тынчытылганын кабарлады.

28а Фу Дэ билдирет: мен аскерди Караусуга топтоп, жолдон ат-көлүк камдап, жашыл байрак колунун калганын кошуп алган соң, кошунду башкарууну Ян Нинге өткөрүп берип, ага сарыколдук уйгурларды моюн сундурууга буйрук кылдым.

Ушу тапта (биздин) кашыбызга келишкен уйгур Абулхасан менен бурут Алдаш мындай деп маалымдашты: бизде Сарыколдо башында 500 түтүн журтчулук болгон; Яркендге акчалай 50 лан салык төлөп келгенбиз. Азыр бар болгону 110 түтүн, 400дөн ашуун адам калды. Аким Мурат-бек калктын карамагында канча жер бар экенин текшерип тактап, атайын жолугуу өтүнүчү менен келди.

28б Бурут Алдаштын айтканы: биз кара-садак, кызылаяк буруттары болгону 70 түтүнбүз. Көптөн бери Яркендге карап келгенибиз менен, бирок салык төлөчү эмеспиз. Болорго, Бадахшанга, Хиндустанга чабаган байланышын камсыз этишти гана өз милдетибизге алганбыз. Сарыкол моюн сунганын угуп, жолугалы деп атайын суранганы келдик. Улуу өкүмдарга букара болгубуз келди.

Мен (аларга) жылуу-жумшак үрөй көрсөтүп, качан Яркендге жана башка шаарларга салык төлөө күнү дай ын болгондо (булардын иши) дагы кошо чечилээрин түшүндүрүп, күтө тургула дедим. Абулхасан маңдайы жарыла баш уруп, коштошуп кетти.

Урмат менен билдирем.

78-бап

1759 ж., 9-ай

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Фу Дэ билдирди: «Си-бу-ча- кэ (б. а., кыпчактар) уруусунун буруттары Болор, Бадахшан менен чабаган байланышын тейлешет жана сырттан келгендерди талаптоношот. Алар аябагандай ач көз. Ар дайым ат, төөлөрдү тартып алышып, почта бекеттеринин бейпилдигин бузушат. Катуу жаза тартышарын (аларга) эскертүү керек. Андыктан (мен) 200 жоокер атказып, цзунгуань Буниге каракчыларды издеп таап, камакка алууга буйрук бердим.

8-айдын 2-күнү үч топко бөлүнүп, Цицунь айылын курчашты. Айылбашы Абубасаны кармап, суракка алышты. Ал чын эле эки ирет ат, төөлөрдү тийип алышканын айтты. Андан соң Абубасаны, Юлдашты жана башка дагы 3төн ашуун адамды өлүм жазасына тартышты. Алардын малын жана курал-жарагын тартып алышты. Калган уруулар муну утуп, корко турган болушат; кайрадан келишип алышып, (аларды) калкалап калышары да бышык».

Бул өз убагында көрүлгөн зарыл чара; сыйыбызды арттырып, цзунгуань Бунини сыйлыкка көрсөтүштү министрликке тапшырабыз. Хулуньбэйэрди кара канат менен сыйлайбыз. Кэчэдэ кесептер менен өзү жеке кармашып, оң колуна ок жаңылып жарадар болгон. Ага да сый көрсөтүп, ланьлин шивэй ченин ыйгарабыз. Катышкан офицерлер менен жоокерлерди тийиштүү түрдө сыйлыкка көрсөтөбүз.

13а Чжао Хой маалымдайт: «Башта козголоңчу-кесептердин качаар жолун бөгөп койгонубузга байланыштуу, экинчи даражадагы шивэй Дэктананы Кокондун Ирданабегине, Маргалаңга, Анжиянга, Наманганга, ошондой эле буруттардын адигине жана ичкилик урууларына буйрук тапшырууга атказдык».

Дэктананын маалымдашына караганда, (ал) 8-айдын 12-күнү адигиненин Ажы бийине кошуп адам жөнөткөн. Шалакучук аркылуу жиберилген маалыматта мындай делет: «6-айдын 18и күнү Кашкардан чыгып, 29у күнү Анжиянга жеттик. Бек баш болгон 4 адам – бардыгы тең адигине бийи Ажынын жетеги астында, Кокондун Ирдана-беги менен достук ымала түзүшүп, андан чыгып Ажыбийдин конуш журтуна барышты. Ал (Ажы-бий) айтты: «Улуу даражалуу цзянцзюнь ушу күндө өкүл жөнөткөнүнө кандай курсант болгонумду айтып жеткире албайм.

14а Улуу өкүмдарга букара болушка ынтызармын. Козголоңчу-каракчы Хоцзичжань бул жакка келген жок. Мен азыр аскерге жолду торошко буйрук кылып, Ирданага кабар айт тырам».

Андан соң алынган маалыматка караганда, Ирдана мындай деген: «Ырас, Ажы-бий моюн сунуп аткандан кийин мен деле чын ыкыластан баш ийип, келген өкүлдү кабыл алам». Ажы-бий өз кезегинде аскер туругуна кабар жеткиришке Шалакучукту жиберген.

Мен Хоцзичжандын эски турук жайына офицерлер менен мансап адамдарын чакырып, келген өкүлдү тааныштырдым; оромол тартуулап, Ажы-бийдин каты тууралуу маалымат бердим.

78-бап

14б Улуу өкүмдар тарабынан өтө бийик урмат менен дайындалган алдыңкы сап аскеринин кол башчысына (цзянцзюнь цзюнъ-цянь):

«Баш урган букараңыз Ажы, адигине буруттарынын бийи, Улуу өкүмдарды (Императорду) туулган күнү менен таазим этип куттуктайт. Учурда цзянцзюнь Кашкардан атказган адам өкүмдардын жарлыгын бизге тапшырды. Тартууланган грамота менен мөөрдү таазим этип алдык; кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм (бардыгы) биз каалагандай болду.

Бухаранын чыгышындагы 210 миң адам бүт бойдон биз – сиздердин букарабыз. Өкүл шивэй бизге келгенден бери далай күн өттү.

15а Улуу даражалуу цзянцзюнду ушунча узак жерге өкүл атказдырып, убара кылгыбыз келбейт. Кат жүзүндө түшүнүк бериш үчүн цзянцзюнга шивэйге кошуп киши жиберебиз».

Шивэй жакында турукка кайтып келди, андыктан кат-кабарды тапшырды. Мен келген өкүл аркылуу чын ыкыластан ыкрарлык кылганы үчүн Ажы-бийге сый тартуулап, азыркы учурда кесептерди жоюу кандай кырдаалда жүзөгө ашырылып жатканын кабарладым. Күчүбүздү үрөп, жолдорду тороп жатабыз. Эгер Ажы-бий урмат көрсөтүп, падышанын дидарын көрүшкө дилгирленсе, келе берсе болот. Ошондой эле өзүнүн ордуна уулун же бир туутанын жибериши да мүмкүн. Мынчалык алыска дароо аттанып чыгыш кыйын десе, өзүнө кандай кылганда ыңгайлуу болот, айтсын, аны да угуп көрөлү.

15б Келген өкүл сылык-сыпаа макул таап, жооп катты алды; өзүнчө сыйлап, жибек тартуу кылдык. 13-күнү жолго чыктым, а тууралуу

Урмат менен билдиребиз жана нускоо күтөбүз.

Чжао Хойдун маалыматын карадык; Ажы-бий менен Ирдананын ыкрарлык кылганы ырас иш болуптур; экөөнө тең грамота ыйгардык; жибек жана капчык ыроолодук. Эгер алар кабыл алуу каадасына өкүл жөнөтүшсө, борборго коштоп узатып келүү жагы камсыз этилсин. Тагдырын Теңирге табышташсын деп, Анжиян, Кокон журтчулуктарына императордун грамоталарын ыйгардык.

21а Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой Борониду аялы менен кантип ажырашканын маалымдайт.

21б Чжао Хой билдирди: Фу Дэден кагаз алдык. Боронидунун аялы Айландын айтымында, ал Тохэци жана Охэла менен ажырашкан. Кашкарда жана башка жерлерде тергөө жүргүзүшүп, анан мага келишти. Мен тиду (элет аскеринин кол башчысы) Янь Си-ши менен бирге Охэланы сурак кылдым. Качуу убагында башында Абдукеримдин иниси Абдушукур болгон. Охэланын үкөсү Нияздын айтышынча, Айландын келишин күтө туруп, анан кайтадан кылдат тергөө жүргүзүү зарыл.

Анын үстүнө, тиду Дун Мэндин иликтеп билдиргенине караганда, Тохэци Янги-Гиссардын мурунку акими Нияздын аялы болгон экен; аны Борониду тартып алыптыр. Андан соң кайрадан атасынын үйүнө кайтып келе бериптир. Тохэци – кыпчак буруттардын бийи Акимдин (Ациму) үч ата өтүшкөн карындашы. Ага киши жөнөтүү керек.

Бурут Аким болсо эбак эле моюн сунган, азыр Алигунга жан-жөкөр болуп жүрөт. Анын карындашынын артынан ушунчалык узак сапарга аттанып чыкканда, жаңы букаралардын көңүлүнө күдүк кетип калабы деп чочуп турам, андыктан токтотушка буйрук кылдык. Аны текшериштин кажети жок, тек, эли-журтун гана кабардар кылып коюу керек.

27а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Тергөө жүргүзүү тууралуу буйрукту орундап, Чжаө Хой билдирди.

27б Шивэй Чэн Го Кашкарга барып, буруттар Булацунь кыштагын курчап алганын уккан; ошондон улам буруттарга согуш аракетин токтотуу буйругу менен Эрке-кожо Эсэинин адамдарына кошуп солон жоокери Циньаньбаону жөнөткөн. Ошондон соң буруттар аскерин жыйып, ат тизгинин кайра тартышкан. Натыйжада, Батулухао менен Циньаньбаого – экөөнө тең сыйыбызды арттырып, сяоцисяо ченин ыйгардык.

30а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Фу Дэ маалымдады: селин Бурха жылкы тийип алышкан бурут каракчыларынын 50 кишисин жок кылды. Алардын малын жана курал-жарагын тартып алды <…>.

81-бап

1759 ж., 10-ай

Щицзундун албан зор иши алыскы кыйырларды тынчытканында турат. Аскерди колдоно баштагандан бери бүт жуңгар урууларын баш ийдирдик. Оң жана сол (канат) казактар, чыгыш жана батыш буруттары, Ташкен, Анжиян, урянхайлар катары менен багынып беришти. Ушу күндө уйгурларды дагы моюн сундуруп, башчыларын жок кылдык.

100000 түтүн бадахшан журтчулуктарын, 30000 түтүн болор урууларын баш ийдирдик. Ондогон миң ли аралыктагы ондогон тайпа-журттар бизге букара болушту суранышты. Беш жыл ичинде эзелтен эч бир өкүмдар мынчалык чагылгандай тездик менен ишке ашыра албаган эбегейсиз жеңиштерге жетиштик.

Мен аскерде кызмат өтөйм жана жоону жектешке чакырууга милдеттүүмүн; андыктан айрыкча кубанбай коё албайм. Гань Цин-мынды жана 2-даражадагы офицерлер Гэбияту-Батулуну, Эрдэнэни Хоцзичжань кесептин келдесин (башын) борборго жеткиришке этияттык менен узаттым.

Ошондой эле Боронидуну кантип өлтүрүшкөнүн өз көзү менен көргөн Мыньдо-сопу менен Бадахшан султанынан өкүл болуп келген Өмүрбек элчини да борборго жөнөттүм. Мен офицерлер менен жоокерлерге 10-айдын 2-күнү Яркендге кайтышка буйрук кылдым.

37а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Чжао Хой кабарлагандай, фудутун Фын На-сян почта бекеттеринин иши боюнча Эгэрхурманга жөнөп кетти. Чалгынчы-элют сялцисяо Исамали кесептердин изине түшүп, жол баштап жанында жүргөн бурут Якша экөө бир кесепти колго түшүрүштү. Топтошкон кесептерди багынгыла деп, Якша бир канча ирет мылтык атты. Фын На-сян жол улап баратып жолунан кабылып калган жыйырма кесепти өлтүрдү. Фын На-сян почта бекеттеринин иши менен жүрүп да кесептерди жок кылып, тырышчаактыгын көрсөттү. Сыйлоо жагын карашты министрликке табыштадык. Исамали менен Якша шивэй ченин жана кара канат алышты. Аянбай күчүн үрөп катышкан офицерлер менен жоокерлерди сыйлоо маселеси боюнча тизме түзүп, чечим чыгарышка министрликке жибердик.

82-бап

1759 ж., 11-ай

Чжао Хой билдирди: экинчи даражадагы шивэй Дактана 10-айдын 10-күнү турукка кайтып, мындай деп кабарлады: адегенде Кашкардан аттанып чыгып, буруттардын адигине (уруусунун) бийи Ажынын калкасы астында жашап турган Нохачиге бардык. Ал моюн сунарын билдирген соң, Анжиянга жөнөдүк. Жетектеп жүргөн төрт бекти кой менен жабдыдык, 6 күн турдук. Маргалаңдын жашоочулары дагы баш иерин билдиришти, а жерде да 12 күн болдук. Кокондун Ирдана-беги Намангандын жана башка шаарлардын бектерин, ошондой эле кыпчакбуруттар менен Кокондун молдолорун жана ахундарын жолугушууга жыйды. Аларга цзянцзюндун жарлыгын тапшырдым. Ирдана мындай деп маалымдады: даңазалуу аскер жуңгарларды тынчытып, буруттарды баш ийишке ийиктиргенин эшиттик. Мага караштуу төрт шаар: Анжиян, Маргалаң, Наманган, Кокон Улуу өкүм дарга букара болушун мен азыр абдан тилеп турам.

Улуу өкүмдар, багыбызды ачып, элди тынчытты. Казактар менен буруттар бүт бардыгы буйрук алышка арзыганын уктук; биз дагы алсак деп үмүт этип турабыз. Ушу кезде шивэй келди; кубанычыбыз койнубузга батпай турат; өз оозу менен билдиришке атайын ишеничтүү киши жибердик. Борборго барышка уруксат болуп калса, эмне кылышты көрсөтүп, нускоо беришти өтүнөбүз.

Мен келген өкүлдөн эмне кеп-сөзү бар экенин сурап көрдүм. Ал айтты: биздин бурут урууларыбыз бири-бири менен чабышып жатышат; биздин Ирдана-бек жаңжалды бир жаңсыл кылгысы келет жана Улуу өкүмдардан буруттарды тыйышка буйрук беришин өтө өтүнүп сурайт.

Мен мындай дедим: көпчүлүк буруттар башта моюн сунуп келишкен. Азыр эми төрт калаанын калкын өзүңөр кунт коюп башкарып, чыр-чатак чыгышына жол бербешиңер керек. Улуу өкүмдар кайрымын арттырбай койбойт. Ирдананын баш ийгени жөнүндө адигине бийи Ажы аркылуу мурдатан кабардар элек.

82-бап

Фу Дэ билдирди. Биз аттанып чыгып, Бадахшан чегарасында өргүп жайланыштык; офицерлер менен жоокерлерди почта бекеттерин каракташкан буруттарды издеп таап, жок кылууга жөнөттүк. Текшерүүдө чжуцаньлин Дуньдокэнин чахарлары, Лобуцзандын жоокерлери, хуцзюнь Хэрпи болушту. Иликтөө учурунда изи табылып, кесептер менен кездешип калышты; алар почта бекетинин жоокерлери Аюйшаны, Ванчжарды, Баяртуну атып өлтүрүштү. Иш боюнча жиберилген катардагы чахар жоокери Убаш кесептерге кез келип калып, жабыр тартты. Чыңдалган аскер туругунун алдыңкы тобунан Шуантай жылкы тийген каракчылар менен кармашып жатып каза тапты. Дагы 5 жоокер жарадар болушту; көмөк көрсөтүү маселесин чечиш үчүн министрликке табыштоону суранабыз.

83-бап

1759-ж., 12-ай

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Чжао Хой билдирди. Ланьлин шивэй Цитай кыпчакбуруттарды баш ийишке чакырды. Чымыркана күч үрөп, Аличур менен Жашыл-Көлдөн кесептерди колго түшүр үштү жана түз Бадахшанга жол тартышты. Цитай сый-сыяпатка татып, 3-даражадагы шивэй мансабына көтөрүлдү.

ПИНДИН ЧЖУНЬГЭЭР ФАНЛЮЭ

Сюйбянь

3-бап

Цяньлун бийлигинин 25-жылы, 1760-ж., 5-ай

7а–б Казактар…, буруттар, Хэмубабанын өкүлү Юйсэн борборго келишти.

4-бап

1760-ж., 6-ай

24а Цаньцзань дачэнь Шухэдэге, кокус кесептер буруттарды карай качышса, даяр турушка Императордун буйругу.

24б Аскер кеңешинин министрлерине Императордун жарлыгы.

Алигунь азыркы учурда аскерди баштап, кесептердин сары изине сая түштү. Менимче, кармашы керек. Эгер кесептер из суутуп кетишкен болсо, анда буруттардын конуш журттарына баруу зарыл. Кубара кууп, сөзсүз камакка алса, түркстандыктардын аргасы куруйт. Ошондой эле мындан ары буруттар качкындарга баш калка беришине таптакыр жол койбош керек. Айтор, Шухэдэ куугунга айрыкча жоопкерчилик менен карап, (качкындарды) камакка алууга тийиш. Буруттарга кире качышкан болсо, анын пайда, зыянын ачык айтып түшүндүргөнгө киши жибергиле. Качкындарды өздөрү тутуп беришсин, аны үчүн сыйлык алышат. Кымындай эле кымырылып, жаапжашырыша турган болушса, дароо аскер жөнөтүп, капилет кол салабыз; каруу-күчүбүздү көрсөтөбүз. Кыбырдык кылып, ишке залал тийгизиш жарабайт.

25а Цаньцзань дачэнь Алигунь (көтөрүлүшкө) көкүткөн демилгечи уйгур Ваньламуну кармаганын кабарлайт.

Алигунь билдирет: биз Ваньламуга кошулуп кетишкен миңден ашуун уйгурду талкаладык; бүт күчүбүздү үрөп, кайрадан шаарга чабуул койдук. Кесептердин башчысы түн ортосунда шаардын түндүк дубалы аркылуу өтүп, качты. Биз аны Пайцзубатэ-хэ дайрасына, ал өзөндөн өтмөкчү болуп, так сал жасап аткан жерге дейре кууп бардык. Ваньламу Нияз менен бирге качышы мүмкүн экенин тыңчылар, офицерлер жана жоокерлер, Кэсэлэбуилик Алимбек кабарлашкан. Салиньдуга дейре кууп барып, (качкындын) изи буруттарды көздөй кеткенин аныктадык. Ошол замат артынан цзунгуань Баярды, гун Мусаны жөнөттүк. Мен жоокерлерге буруттарды карай кетүүчү жол тоомундагы орчундуу түйүндү кайтаруута буйрук кылдым. Тиду Дун Мэн сыркоолоп калганына байланыштуу, цзунбинь Ян Нинди жолдорду тороп, көзөмөлгө алышка атказдым.

6-айдын 18-күнү Баяр кабар кылды: Карамулукка чейин из чалып барып, өзөк жалгаганы жатышкан жеринен Ваньламу менен Ниязды колго түшүрдүк. Үй-бүлөлөрү менен жан-жөкөрлөрүн жок кылдык; ат, төөлөрүн, курал-жарактарын жана оокат-мүлктөрүн олжолодук. Мен бардыгын катары менен суракка алдым. Көрсө, Нияз долундук уйгурлардан Амурсананын кабарын утуп, аны Ваньламуга айткан экен. Ушу сапар Ваньламуну борборго жөнөтмөкчү болгон. Бирок (ал) Хошкэ-бектин уруктуугандарын бүт борборго сүргүн кылып атканын билип калып, аларга кошулуп айдалып кетиштен чочулап, Нияз менен акылдашкан. Анан кат таркатышып, адамдарды айныта башташкан.

Офицерлер менен жоокерлер болсо, жазалоо чараларына келгенде аша чаап кетишип, ошондон капыл-тапыл топтолушкан уйгурлар камашка каршылык көрсөтүшүп, тополоң чыгарышкан. Айдоодон качып, Ниязга келип кошулушкан. Нияз дагы 20 жоокерди байлап алып өлтүргөнүн, андан соң бирге качышканын ачык моюндашты.

Ваньламу менен Ниязды борборго катуу кайтарып жеткириш үчүн офицерлерди жана жоокерлерди жөнөтөбүз. Жолдо дачэнь, офицерлер жана жоокерлер сактык чараларын көрүшкө өзгөчө көңүл бөлүшүн эскертип, кагаз жиберебиз. Ошону менен бирге, сурак убагында алынган маалыматтарды өкүмдардын назарына таазим этип сунуштайбыз.

30б Цаньцзань дачэнь Шухэдэге буруттардын конуш жайыттарын текшерип чыгуу тууралуу Императордун жарлыгы.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

31а Фын На-сян билдиргендей, Урту-булак (Ортобулак?) кароолунан Махэцинди кармашкан; ал миңден ашуун түтүн буруттар Ат-Башыга көчүп барып жайланышканын маалымдаган. Ойрот ланьлин шивэй Сайбутэнден сурап көрдүк, ал айтты: Ат-Башы – башынан эле ойроттордун конуш жайыты. Жүңгарларды баскан соң, алардын бүт баштагы конуш жайыттары эми биздин жер. Буруттар буга чейин баш ийишкен; чийинден чыгып, чектен өтүшкө (алардын) кандай акысы бар; териштирип көрүп, айдап чыгыш керек. Арийне, азыр Ходистен сурасак, ал айтат, башынан эле бул буруттардын жери болучу, бирок жуңгарлар басып алышкан деп. Данктуу аскерибиз (жуңгарларды) баскандан кийин, буруттар көчүп келишип, 3–4 жылдан бери ал жерди жайлашат экен.

Силер өзүңөр такташыңар керек. Эгерде эзелтен эле жуңгарлардын жери экени анык болсо, анда кайта алуу зарыл. Далилиң жок болсо, кантип кубалайсың? Азырынча ачык билелекпиз. Балким, бу жерлер эзелтен жуңгарлардыкы эмес. Андан тышкары, Темурту-нор көлү менен Барсхан (Балэхунь) кырка тоосунун чегинен сырттагы конуш жайыттар жүңгарлардын жериби, же андай эмеспи, өзүңөр аныктап билүүгө тийишсиңер. Бирок ал алыскы кыйырлар биздин чегарабыз менен чектешпейт. Ошондой эле аскер күчтөрүн айдап чыгышка атказыштын да зарылчылыгы жок.

Императордун буйругун Шухэдэ менен Агуйдун эсине салабыз.

5-бап

1760 ж., 7-ай

– Цаньцзань дачэнь Шухэдэге буруттардын конуш жайыттары жөнүндөгү маселе боюнча Императордун жарлыгы.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Шухэдэ маалымдагандай, Фын На-сян Ат-Башыны жайлашка буруттарга мүмкүндүк берүү керекпи, же жокпу, жообун билдирүүнү сураган. Мен Фу Дэ түзгөн Темуртунордун (Ысык-Көл) картасын карап көрүп, Ат-Башы деген аталышты таппаган соң, ойроттордон сураштырдым. Бу жер батышта Нарын дайрасы (Нарын-гол) чөлкөмүндө жайгашкан бурут тоолору экен. Башында жуңгарлар Шаласы (Талас?) конушун тартып алышкан, ал эми бу чөлкөмдү, кыязы, ээлешкен эмес көрүнөт. Андыктан кайрадан сураштырып тактап, текшерүүнү тастыкташка Агуйду жиберебиз.

Шухэдэ картадан карап текшерип көрдү, Ат-Башы – эзелтен эле буруттардын конуш жайы экен. Жуңгарлар басып алганы менен Илиден өтө алыс аралыкта. Кайрадан такташтын кереги не? Уйгур уруулары боюнча иш башкаруучу дачэнь Фын На-сян менен биргеликте эмне үчүн өзү чечкиндүү аракет жасабайт? Фу Дэнин маалыматына караганда, Ат-Башы бизден өтө алыс. Жана мурда карта түзүүдө (ага) киргизилген эмес. Талдап-талкуулашты Шухэдэге тапшырабыз. Андан соң ишке чечкиндүү киришүү кажет; четтеп кайдыгер карап туруш жарабайт.

6-бап

1760 ж., 9-ай

Мамлекеттик кеңештин министрлерине көрс өтмө.

Талкууланып тактыга билдирилсин жана чечим талап кылынсын.

Азыр Хамиде багылып жаткан койлор – аскердин азыгынан артып калгандары; ушундай деп эле билдирүү керек. Азык-түлүк камдаш үчүн келээрки жылы көк чыккан маалда Үрүмчүгө же Илиге жеткирүү ылаазым; калганын Кучада калтырып, Аксуга жөнөтүү зарыл.

Бирок Яркенддеги жана Кашкардагы офицерлер менен жоокерлерге маалымат жетпей калган. Кайра барып, Кашкардагы койлордун кабарын билдирүү кажет.

Баркөлдөн соодалап, Үрүмчү менен Илиге жеткиргенден сырткары, ушу тапта Илиде жоокерлер турганын эсте тутуп, төлүнүн эсебинен көбөйтүш үчүн тийиштүү санда кошумча дагы кой сатып алуу керек.

Буруттардын койлорун болсо, качан баасы чыкканда, жагдайга жараша күмүш акча менен сатып алган оң. Азырынча маалымдаштын зарылчылыгы жок.

Бурут саньши дачэнь Акимге Алагудагы хакимбектин бошогон мансап ордун ээлешке буйрук.

Цаныдзань дачэнь Шухэдэ билдирет: Чэнь Синь-чжу түздөн-түз өзү Императордун ага мени (Шухэдэ) менен биргеликте хаким-бектин бошогон кызмат ордуна саньши дачэнь Ацимуну (Акимди) коюшту талкуулап көрүштү буйрук эткен тапшырмасын алды. Арийне, хаким-бек мансабына ээ болгон адамдар азыркы учурда бүт уйгур шаарларында бар. Ациму (Аким) болсо – бурут. Буруттарга жакын жердеги уйгур шаарына дайындаса туура болот. Алагуда азырынча хаким-бектин орду бош болгондуктан, аны бурут Ацимуга берели; ошондо сырткы кыйырларда буруттарга каршы чара көрүшкө, ал эми чек арадан ичкериде Асытэнди, Алатушту жана башка жерлерди тынчытышка мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Алагуну айтсак, аерде 300 түтүн уйгур жашайт. Мурда хаким-бек 6-даражадагы мансап деңгээлинде дайындалчу. Ациму (Аким) – саныпи дачэнь, демек, ал – биринчи жолу ушундай даражада дайындалган хаким-бек болмокчу.

Билдиребиз жана сунушубузга ылайык көрсөтмө алышка үмүттөнөбүз.

7-бап

1760 ж., 10-ай

Цаньцзань Агуй Нарын менен Ат-Башыны кыдырып текшерүүнүн жыйынтыгын маалымдайт.

Агуй билдирди: мен буга чейин Ат-Башы менен Нарындагы буруттар кантип эгин-тегин айдап-сээп атты экен, чегарадан өтүшпөдүбү, – мына ушуларды жеринде текшерип келишке фудутун Ичжуну Темурту-норго (Ысык-Көл) жиберген элем.

Анын маалыматы: 8-айдын 26сы күнү Темуртунорго жеттик. Он адамдын изине туш келдик. Менин жоокерлеримди көрүшөр замат, бир нече ирет ок атышып, көздөн кайым болушту. Биз дароо кууп жетип, экөөсүн кармадык. Черикчиге караштуу буруттар бу жерге темиртезек чогултушка келишкенин айтышты.

Булардын уруусу буга чейин эле моюн сунганын жана аскер келгенинен али кабардар эмес экендиктерин эске алып, бу сапар кечирим бердик. Андан соң он жоокер кошуп, шивэй Течжуну, цзолин Дэлэкэни Нарынга жөнөттүк. 8-айдын 27-күнү Барсхан ашуусу аркылуу 800 ли жол арытып, Нарын дайрасына келип жеттик.

Буруттардын конуш төрлөрү менен эгин айдоолору дайранын өйүз-бүйүз өндүрүндө экен. Ат-Башыда тоостун канаты жана 3-даражадагы чок менен сыйланган Черикчи-бий эли-журту менен тосуп чыкты. Азык-түлүк жана союшка бир канча кой жеткирип берди; (бизге) мылтык атышкан букараларын издеп таап, жазыгыбыз мойнубузда деп, турукка (лагерь) ээрчитип келди. Мен аларга императордун жарлыгын окуп бердим: «Ат-Башы жана башка аймактар-даңазалуу аскер жуңгарларды жеңгенден кийин колго тийген жерлер, демек, силер аерге мал жайбашыңар керек. Арийне силер букара катары моюн сунгансыңар, (андыктан) дачэнь маалымат билдиргенче күтө турууга тийишсиңер. Силерге Нарындын түндүк жээги менен Ат-Башынын чыгыш кыйырындагы чектен өтүшкө жол берилбейт».

Аталган башчы баш уруп укту; ага жибек тартуулап, узатып койдук.

Мен Ат-Башы жана башка аймактарды түрө чалып көрдүм. Булар эзелтен эле буруттар ээлеп келген жерлер, болгондо да Барсхан ашуусунун аркы сыртында жана Илиден ыраакта.Өкүмдар эгер чын ыкыласын бурса, буруттарды сүрүп чыгарбай койсо деле болот. Мен жыл сайын кыдырып текшерген кезимде Ат-Башы менен Нарынды чегара деп эсептеп, бузуп өтүшкө тыюу салып жүрөм. Бу жерлер Кашкарга жакын болгону менен, ортосун бийик тоолор бөлүп турат, а атырабында буруттардын конуш журттары көп. Дегинкиси, бу маселе менен убара болуштун пайдасы жок.

Урмат менен билдирем.

7-бап

1760 ж., 11-ай

23 Буруттардын Авалэ-бийине сый тартуулашка жана анжияндыктарга маалымдап коюшка буйрук кылабыз.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Хай Мин кабарлагандай, буруттардын чоң багыш уруу сунун 5-даражадагы ботокурга жана чок белгисине эгедер бийи Авалэ борборго кабыл алуу каадасына келди. Конуш журтуна кайтып келсе, кол астындагылары анжияндыктарды карактап кетишкен экен, дароо тонолгон пулдар менен таланган жылкыларды таптырып, ээлерине кайтарып берген.

Бирок анжияндыктар алдырган аттарыбыз менен акчаларыбыз толук төлөнгөн жок дешип, каяша кылышууда. Андыктан Авалэ-бийге тийиштүү түрдө жайгарып, (жыйынтыгын) билдиришке буйрук кылдык. Авалэ-бий ырайым көрсөткөнүбүзгө ыраазы болду; тергеп-териштирип, уурдалган оокаттарды коңшу журттан таптырып берди. Мунусу абдан ажап иш болду, андыктан эки түрмөк жибек тартууладык.

Анжияндыктар болсо биздин момун букараларыбыз. Аттары менен акчаларын алыша элек болсо, дагы бир ирет териштирип, кайрып берүү кажет. Жок, чындыгы андай эмес экен, анда Авалэ-бийге билдирип коюш зарыл; (айтор) мыйзамды сактап, алдамчылыкка жол койбошко тырышуу керек.

Анын үстүнө, Анжияндын атырабында буруттардын ар кандай тайпа-журттары эң эле көп. Каракчылар башка журттан болушу да этимал; ага кепилдик жок. Жоопкерчиликти бүт эле чоң багыштарга жүктөй бергенде, кандай болот? Силер дагы териштирип, карап көрүшкө тийишсиңер.

Эгер кароолдордун чегинен сыртта буруттар бири-бирин талап-тоноп атканы тууралуу кабар түшсө, анда мунун зарылчылыгы жок. Аларга мындай деп эле айтып коюш керек: силер чегарадан сыртта чачкын жашап, бири-бириңерди карактап жатасыңар; биздин тескеп-териштире турган жөнүбүз жок. Бирок силер бу жоругуңарды койбосоңор, ар кимиңе өз-өзүнчө эскертебиз. Анда ким кандай кыянат иш кылса, ошого жараша жазасын тартат.

8-бап

1760-ж., 12-ай

Цаньцзань дачэнь Шухэдэ Уштан (Үч-Турфан) качкан уйгур Улангэнин иши жөнүндө маалымдайт.

Шухэдэ билдирди: Үч-Турфандагы иш башкаруучу Бо Юн-цин 10-айдын 10у күнү түн ичинде Карабактык уйгур Улангэ жана элют Чахань, үй-бүлөлөрү менен 20дан ашуун адам, аттарды уурдай качышканын кабарлады.

Жетип кармашка, ошондой эле буруттардан (тутуп беришти) талап кылышка дароо куугунчу топ атказдык.

Юн-цин Үч-Турфандан жөнөп кеткенине байланыштуу даоюанга (аймак башчысына) ишти убактылуу жүргүзүп турушка тапшырма бердим. Ошондой эле шивэй Бачанды, Дуаньцзилэту баш болгон 50 жоокерди жардамга жибердим.

Андан аркысын Юн-цин кабарлады: жолду катар текшерип, буруттардын ар бир уруусуна буйрукту айныксыз аткарышты, (качкындарды) кармап, (бизге) жөнөтүштү эскерттик. 11-айдын 2-күнү кайтып келдик. Мен Улангэнин теги бурут экенин жана Ходистин ишеничине кирип жүргөнүн аныктадым. Азыр эми Ходис борбордо калганын укса, (аны) сачылардын кайтаруусу астында жөнөткөнүбүздө, тымызын качышка аракет кылбас бекен деп чочулап турам.

Ушул иш боюнча бурут Темиржанды табышка тапшырма бердик. Мурда соода-сатык кылганы келген эле. Анын кайтышын күтүп, шивэйди чогуу барып, камакка алышка атказабыз.

13б Шэньси-Ганьсу аймагынын генерал-губернатору Ян Ин-цзюй Хамидеги соода-сатык иштери боюнча ойсунушун билдирет.

Ян Ин-цзюй маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын 10-айында Шухэдэден билдирме кат түшкөн. Анда мындай деп айтылган: буруттар, ташкенттик жана башка жерлик уйгурлар Аксуга келип соода-сатык кылышууда. Алынган акчаларды Хамидеги соода иштерине жумшасакпы дейбиз. Кеч күз болуп калганына байланыштуу аларды кайта бергиле дедик. Мен сырттагы уйгурлардын соода дасмиясын (капитал) текшерип көрдүм. Эгер ички аймактардан товар сатып алышса, акырындык менен (алардын күмүшүн) өзүбүздүн пайдабызга түшүрсөк болчудай. Аны менен бирге алардын качан жана кандай тартипте келиши Улуу өкүмдардын жарлыгы аркылуу аныкталса жакшы болор эле. Мен Шинжандагы (Синьцзянь) соода-сатык эрежелерине ылайык бул ишти тийиштүү түрдө жакшыртуу жагын баныпи дачэндерге табыштасамбы деп турам. Урмат менен билдирем.

27а Уйгур Акбекти кызматка алуу жана бурут Авалэ-бийге сый тартуулоо жөнүндө буйрук.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Хай Мин билдирди: Янги-Гиссардын хаким-беги Султан-кожо кабыл алуу каадасына жөнөп кеткенине байланыштуу, хакимдин Файзабаттагы иштерин буга чейин Сатыбалды убактынча аткарып турган. Андыктан агасынын кызматын убактылуу орундап турушту иниси Акбекке тапшырганбыз. Азыркы учурда Султан-кожо кайтып келди, демек, Акбек иш аткарбай турган болуп калды. Убактылуу Хаким кызматында турган убагында Акбек бардык ишти Шухэдэ менен акылдашып ойдогудай орундап, өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Ошондуктан хакимдин, ишагэнин жана башка бектердин мансап орундары бошогондо, андай кызматтарга тийиштүү түрдө

Акбек дайындалсын.

Императордун буйругу.

Чоң багыш буруттарынын бийи Авалэ өз букаралары кантип анжияндыктарга карата каракчылык жорук жасаганын териштирип, таланып-тонолгон оокаттарын кайтарып бергенин Хай Мин кабарлады. Ушу жолу ал, ошондой эле ат уурдаган уйгур Улангэни дагы кармап берди. Ууру, кесептерди колго түшүрүштө ыкылас-ынтаа көрсөттү. Авалэ-бий артыкча сый-сыяпатка арзып, эки түрмөк жибек менен сыйланды. Жиберген букараларынын ар бирине үч ландан күмүш-зер ыроолонду.

Императордун сый-сыяпат жана сыйлыктар жөнүндө жарлыгын эске салабыз.

9-бап

1761 ж., 1-ай

Цяньфын цаньлин Фу Ху менен шанбек Момодихойдун кызмат даражаларын көтөрүү жана аларга сыйсыяпат көрсөтүү жөнүндө буйрук.

Кашкардын баньши дутун шиланы Хай Мин билдирет.

Буга чейин Императордун почта бекеттерин карактап кетишкен Хазы-Мосо-кожонун кесептерин сөзсүз издеп таап, камагыла деген жарлыгын алышка арзыган элек. Мен Мосо-кожо Коконду карай качканын, а уулу болсо буруттарда экенин аныктап билдим. Мосо-кожону туткундап жөнөткүн деп дароо Ирдана-бекке кат жолдодум. Бу сапар качкын Улангэнин дарегин иликтеп кармап келишке бурут Минилихеге Фу Хуну жибердим. Мосо-кожонун уулу Мамадисыхой, Нияз-кожонун чоң уулу Худайберди жана экинчи уулу Ашур каерде жашынып жүрүшкөнун билгенден кийин, шанбек Момодихой, цяньфынсяо Шуан Син-бао болуп дароо чогуу аттанып барып, Мамадисыхойду жана башка калгандарын бүт колго түшүрүштү.

Андан тышкары чоң багыш буруттарында турушкан уйгурлар, саяк жана сарыбагыш буруттарына соода кылганы барышканда, (аларды) каракташкан 30дан ашуун адамды көрүшкөнүн айтышты. Мен изилдеп териштир деп Фу Хуга буйрук кылдым. Минилеха өзүнүн уулу Мамуботэни (Мамбет) атказды, ал (каракчылардын) башчысы Маркэ-байды, Шабату жана башка шериктерин бүт колго түшүрдү.

Маркэ-бай миз бакпаган өжөр экен, (айыбын) түз эле моюнга алды. Уйгурлар бул ашынган каракчынын көзүн тазалашты көшөрө суранышты, ошондон улам анын башын кесип алып, көрүнөө жерге койдуруп койдук. А Шабатунун болсо, мусулман мыйзамы боюнча, колдорунун манжалары кыя чабылды. Таланган буюмдар бүт табылып, соодагерлер бардыгын кайрып алышты.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Фу Ху бул ирет качкын Улангэнин изине түшүп, камакка алганы, почта бекеттерин каракташкан кесептердин башчысы Мосо-кожонун уулу Мамадисыхой жана башкалары каякка жашынганын тапканы, офицерлерди, жоокерлерди, уйгурларды дароо алга жиберип, бардыгын кармаганы өтө дурус иш болду. Ошондуктан кайырыбызды арттырып, фудутун чжисянь ченин ыйгардык.

Андан ары Императордун жарлыгында мындай деп айтылат. Хай Мин маалымдагандай, шанбек Момодихой, Тогузкэлик мираб-бек Баба-кожо буруттарга барышта жол кире чыгымдарын өздөрү көтөрүшкөн. Фу Хуга жол уусун көрсөтүп, коштоп жүрүшкөн. Кишилердин көңүлүн тындырып, кесептерди издеп таап, туткундашкан. Момодихой жан-дили менен тырышып кызмат кылган.

Мунусу макташка татырлык жорук. Жоомарттыгыбызды аябай, эки түрмөк жибек тартуулайбыз. Бек мансап орду бошогондо, сөзсүз кызматтан көтөрүп дайындайбыз.

Сюньчи дутун шилан Хай Мин жумуштарды жүргүзүш үчүн Аксуга жиберилди; цзоду юйши Юн Гуй Кашкарда иш алып барууда.

Хай Мин билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 6-айында, Ваньламу тополоң баштаган убакта, чоң багыштын (текстте чжуньгэбашэ деп жаңылыш жазылган) Умор-бийи өзү башында туруп, кол астындагылары менен анжияндык соодагерлерди каракташкан; малын, күмүш-зерин талап алып, из жашырып кетишкен.

Авалэ-бий борбордон кайтып келгендиктен, издеп таап, туткундашты мен ага тапшырдым. Ушу тапта Уморбий саяктарда деп утуп, анык-тагын айкындап билишке адам женөтүшкөнүн Фу Ху кабарлады. Айтымда, миң лан күмүш уурдашкан. Авалэ-бий төлөп бергиле деп талап кылган 400 ландан тышкары, дагы 200 лан бар; калганын урукташтар ич ара бөлүп алышкан. Умор-бийдин үй-бүлөсүн Кашкарга жеткиздик. Андан соң мен буруттар бөлүп алышкан акчаларды өндүрүп келишке ишагэ-бек Абдраимди жибердим. Бул Умор-бий деген неме мурда тополоң чактарда, кароолдордун чегинен сырт жактарда каракчылык кылып жүргөн. Маркэ-бай менен бирдей жаза тарттырганга, мунун айыбы бир аз башкачараак.

Менин оюмча, Умор-бийди мансабынан ажыратып, же Авалэ-бийдин, же кыпчак буруттарынын саньши дачэни Ацимунун (Акимдин) көзөмөлүнө тапшырсак жетиштүү болот.

Таазим этип, көрсөтмө күтөм. Урмат менен билдирем.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Хай Мин кабарлагандай, анжияндык соодагерлердин товарларын талап-тоноп алган Маркэ-бай өлүм жазасына тартылды. Мурда анжияндыктарды карактаган Умор-бий тууралуу, анын жазыгы бир аз башкачараак, андыктан мансап даражасынан ажыратып, тийиштүү түрдө көзөмөлгө алыш керек деген сунушуңар натуура чечим.

Чоң багыштар Кашкарга баш ийишет, демек, жагдайлары сырттагы көз каранды мусулмандар менен бирдей эмес. Сый-сыяпат менен жазанын айырмасын так ажырата билиш керек. А Умор-бий болсо, тополоң-тоздон пайдаланып каракчылык кылган, аны эл алдында өлүм жазасына тартуу кажет. Мансабынан ажыратып, көзөмөлгө коюш деген өтө эле ашыкча кечирим кылгандыкка жатат. Ошо себептен, Умор-бийди сакчылардын кайтаруусу астында борборго алып келишке кызматкер жиберилсин,

22а Мамлекеттик кеңештин министрлери билдиришет.

Хай Мин кабарлады: «Шухэдэ, Синьчжу жана Эминькожо Архунун хаким-беги бурут саньши дачэнь Аңимуну (Акимди) Ташмиликке хаким-бек кылып дайындашты өтүнүп жатышат. Буруттарга көзөмөл жүргүзүүчү хакимдин конуш журту азыр эң эле ыраакта, башкарышы кыйын болууда. Баш-көз болуп, жеринде иш алып барышка буйрук менен (анын) бир тууган инисин жибердик. Мен кунт коюп, иликтеп көрдүм. Ташмиликке эч кандай кан жол кетпейт экен.

22б Ал эми Архуга болсо, үстүбүздөгү жылдын 8-айынан бери буруттардан, Турфандан, Уштан (Үч-Турфандан) алты ирет соодагерлер келишкен». Эгер жагдай чын эле ал айткандай болсо, анда эмне үчүн менин кол астымда кызмат кылып туруп, ишти мындан ары Синьчжу менен Эхуй-кожо жүргүзсүн деп кайра-кайра кашайып буйрук сурап атат. Биз менен кеңешип иш кылса болбойт беле. Императордун жарлыгын таазим этип алдым; ага ылайык бардыгын таразалап көрүп, анан талкууга коём.

Ташмилик буруттарга коңшу аймак, а саньши дачэнь Ациму (Аким) болсо бурут экенин буга чейин Шухэдэ Синьчжу менен акылдашканын көңүлгө алабыз. Андан соң сизди баш ийип урматтоочу кызматчыларыңыз Чжао Хой жана Фу Дэ астейдил күч-аракет жумшашып, ызат менен Императордун ырайымдуу жарлыгын алышты. Буруттар менен ирегелеш аймактагы бектин бошогон кызмат ордуна киши дайындоо жөнүндө Шухэдэ билдирген жана буга канча бурут каттаганынын эч кандай тиешеси жок. Бу күндө Хай Мин Кашкардагы иштер менен алек болуп, ал эми Синьчжу акылдашпай туруп, өз билгениндей маалымат билдиргенине байланыштуу, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик туулбай койбойт. Андан сырткары, жөндөн-жөн эле шек санап, хакимди текшерип-териштириш чатак чыгарбас бекен деп чочуп турам.

23б Арийне Өкүмдар өзү түшүнүп, убактынча Кашкарга барып иштешке жана ордуна Юн Гуй келгиче күтүп турушка Шухэдэге буйрук кылды. Хай Мин Аксуга жөнөтүлүп жатат. Аталган баныпи дачэнге мындан ары иштин пайдасын ойлоп, кымындай да тартип бузушка жол койбошун эскертип буйрук жиберүү зарыл деп эсептейм, а тууралуу Императорго маалымат берилди. Көрсөтмө алганда, тийиштүү түрдө чечебиз. Хай Минге катуу сөгүш берилет.

10-бап

1761 ж., 3-ай

31 Цаньцзань дачэнь Шухэдэге кыпчак буруттардын иши боюнча Императордун буйругу.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Мурда Хай Мин маалымдагандай, кыпчак-буруттардын бийи Эмур эли-журтун баштап ичкери аймактарга көчкүсү келгенин билдирген. Бир тууган үкөсү Муратка жергилик буюм-тайымдардан тартуу камдашка тапшырма берип, анын иниси Аманды Ирдана-бек кармап алганын кабарлаган.

Эмур-бий (биздин) дөөлөткө чын ыкыластан ынтаа коюуда; мунусу абдан жакшы жөрөлгө. Жоомарттыгыбызды аябай, чок белгиси жана 3-даражадагы ботокур менен сыйлап, эки түрмөк жибек тартууладык. Эмур-бий Ациму (Аким) менен бир уруудан болгондуктан, чогуу бир жерге жайлаштырса жарайт. Үкөсү Мурат уйгур бектери менен кошо борборго кабыл алуу каадасына келе берсин. Эгер Мурат азыр Кокондон инисин бошотуп беришти талап кылышты өтүнсө, баштагы тажрыйбабыздан билебиз, алар адатта жөн эле куткара коюшпайт; а Мурат моюн сунганын билдирмейин, аны үчүн талап этиш чекилик болот деп айткыла. Болгон иштин бардыгын Шухэдэге маалымдагыла.

11-бап

1761 ж., 4-ай

18 а–б Цаньцзань дачэнь Шухэдэ Яркенддеги жана башка шаарлардагы иш-чаралар жөнүндө маалымдайт.

Шухэдэ биддирди: Яркенд, Кашкар – (чегарадан) сырттагы аймактар менен байланыштыруучу тогуз жолдун тоомунда турган чоң уйгур шаарлары. Алардын ортосунда Янги-Гиссар калаасы орун алган; жанынан Бадахшанды карай тоо жолу өтөт. Бурут саныни дачэнь Ациму (Аким) менен хаким-бек Султан-кожо сырткы аймактардагы жагдайды жакшы билишет. Сарыкол атырабындагы Яркендге караштуу буруттар мурда Ацимунун (Акимдин) башкаруусу астында турушкан. Эки шаар тең кат-кабар алышып, катнашып турушат; каалагандай калчап, ажыратып бөлүп салыш мүмкүн эмес.

19а Демейде тийиштүү жумуштарды өз алдынча бүткөрүшөт, андан соң маалымдашат. Сырткы аймактарга байланыштуу иштер боюнча, же кызматкер жөнөтүшөт, же кат-кабар жиберип, тиешелүү түрдө макулдашышат. Өтө орчундуу иштерде эки шаардын дачэндери ЯнгиГиссардан жолугушат, ал эми кыйчалыш кырдаалдарда Кашкар менен кеңешишет.

Бул – буруттар менен ирегелеш аймак; жакын жерде эки уруу – чоң багыш жана кыпчак журттары жайлайт. Мындан ары карата Авалэ-бий сыяктуу өз ишин ак ниеттен аткаргандарга Улуу өкүмдардын жарлыгы менен сыйсыяпат тартуулап, ал эми Умор-бийге окшоп каракчылык кылгандарды катуу жазага тартыш ылазым. Сый-сыяпат көрсөтүштү жана жазага тартышты бирдей бекем тутканда гана бардыгы тең сезип, корко турган болушат.

19б Сырткы аймактар менен соода-сатык иштерине келсек, бул бир жагынан, уйгурлар үчүн жашоосуна жардам болсо, экинчи жагынан, ар кайсы жерлерден маалымат чогултушка мүмкүндүк берет. Салыктардын бир бөлүгүн жоюп, каракчылыкты тыйганда гана келгендердин саны көбөйөт, ал эми товарлардын баасы болсо турукташат, демек, мындан адамдар пайда көрмөкчү. Аксута жана Ушка жакын жерде жайлашкан буруттардын башчылары Черикчи менен Минилеха да Кашкарда соодасатык кылганга грамота жана мөөр беришти өтүнүштү; экөөнүн тең суроосун канааттандыруу кажет.

Ушу тапта Черикчи келип, императордун кабыл алуусунда болгон чагында бардыгынан мурда чын ыкыластан ыкрарлык көрсөткөнү үчүн өкүмдардан ызат менен жарлык жана сый тартуу алганын айтып берди. Ак пейилден тынччылык сакташты эскерткен элек, бир нече жылдан бери урмат менен аткарып келет. Минилехи болсо жашы 70ке таяп кадды, арийне, кабыл алуу каадасына келгиси келет. Ордуна башканы жиберишти сурап көргүлө жана жообун билдиргиле.

12-бап

1761-ж., 6-ай

15а Авалэ-бийге бурут Умордун үй-бүлөсүн сый тартуу кылышка буйрук.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Шухэдэ кабарлагандай, анжияндык соодагерлерди карактаган, чоң багыш буруттарынан чыккан Умор-бий (Омор, Үмөр, Өмүр?) өлүм жазасына тартылды. Анын 8 адамдан турган үй-бүлөсүн бардык шаарлардын хакимбектерине бир-бирден олжо катары таркатып бергиле дегенбиз. Умор-бийдин сөөгүн өз журту сурап алды. Кароолдорго жакын жерлерди жайлашкан калк көнгөн адатын койбой, дале каракчылык кылууда. Умор-бийдин үй-бүлөсүн бардык шаарлардын хаким-бектерине бирбирден кулчулукка таркатып беришти тийиштүү түрдө маалымдадык. Арийне, Авал-бий (учурунда) Умор-бийдин бейбаштыгын угуп билдиришке келген эле. Кыргыздардын (ка-ха-эр-гэ-ци) мурунку сиңирген кызматын эске алып, ырайым кылып аларды уйгур бектерине таркатып бериштен куткарып, өзүнө, Авалэ-бийге өткөрүштү өтө баш уруп суранды. Бул чанда бир болуучу ченемсиз жакшылык. Кокус аталган уруунун адамдары ошондой ээнбаштыгын экинчи ирет кайталашса, эми эч кандай кечирим болбойт. Шухэдэ бул эскертүүнү баардык жерде буруттардын эсине салсын.

14-бап

1761-ж., 10-ай

Цзоду юйши Юн Гуй Кокондогу, адигинелердеги жана башка жерлердеги жагдай жөнүндө маалымдайт.

Юн Гуй билдирди: Адигине буруттарынын бийи Ажы буга дейре соодагерлерди талап-тоноштун айынан Кокондун Ирдана-беги менен араздашып калган эле.

Сизди урматтаган кызматчыңыз Шухэдэ, башта уйгур өкүлдөр Элибу менен Миэрхунь Кокондо болушканда, (алар аркылуу) элдешишке буйрук кылган. Көп узабай, Элибу менен Миэрхунь кайра келишип, Гэдаймотэге буруттар кайтадан жол торошуп жатышат; 10 кишини туткундап алышты деп кабар кылышкан. Гэдаймотэ отун чогултуп жүрүшкөн бул адамдар эч кандай чыр-чатак чыгарышпаганын аныктаган. Бирок өткөн жылы Кокон адигиненин эгин айдоолорун талап алган. Кокон менен Ходжент бири-бирине кол салышканынан пайдаланып, адигинелер өч алуу ниетинде кайрадан каракташкан.

Анан калса, адигиненин бийи Ажынын өкүлү Элэтаоди императордун буйругу менен Коконго элчи жөнөтүштү аябай өтүнүп суранды. Мен, адигинелер адеп Кокон менен чатак баштатканда, ишибиз оңунан чыгат деп ойлошконуна, анан, кайра Кокондун күчүнөн сестенип, болушуп койгула деп суранып келишкенине көзүм жетти. Ошондуктан (мен) бул жорукту айыптап, Коконго өкүл жиберишти туура көрдүм. Андан соң Элибуга жана Миэрхунга Элэтаоди менен чогуу кайтышка буйрук эттим. Чийинден чыкпашты, чыр чыгарбашты ар бирине катуу эскерттим. Баары тең макул болушту.

Андан тышкары, Ирдана-бектин эки ата өткөн тууганы Абдурахман Ходженттин Фазил-беги менен байланышып алып, Ирдананы жок кылмакчы болгон. Кутум билинип калып, (ал) өлтүрүлгөн.

Кокон Ходжентке кол салгандыктан, Фазил-бек жоонун жолун тосуп чыгып, Ирдана курчоодо калган. Эки журттун башкы ахундары макулдукка келишип, урушту убактынча токтотушкан.

Ошентип, мурунку жана кийинки окуялар баяндалган бул катты урмат менен Улуу өкүмдардын кароосуна жиберебиз.

16-бап

1762-ж., 4-ай

18а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык жарлык.

Илэту билдирди: Аксайда үч акалакчы жана өзүнө караштуу эки жүз түтүн үй-бүлө менен көчүп жүргөн бурут Имурат-бий Ясай конуш жайытын карай жер оодарып кетти. Бул (алар үчүн) бөлүнгөн жер (чегине) туура келбегендиктен, кат жүзүндө көрсөтмө жибердик.

18б Күзгү орум-жыйымдан кийин кайра кайтышка буйрук кылдык. Буруттар көрсөтүлгөн жер чектерин көзгө илбей, өз билгендериндей көчүп-конуп жүрүшөт. Мындай жорук, албетте, жарабайт. Бирок бу макоолор суу менен чөптүн пайдасынан бөлөк эч нерсени ойлошпойт.

Императордун бу жолку жарлыгы ички аймактарга карата багытталган, жалпыга бүт жарыя салып, шек туудуруштун кажети жок. Анын үстүнө, Ясай Аксайдан бар болгону бир бекет аралыкта турат. Азыркы учурда (алардын) чеги учу-кыйырсыз жана иш жүзүндө эч тоскоол жок.

Буруттар менен мындан ары ишти бир жаңсыл жайгарыш жагы Юн Гуйга жана Илэтуга тапшырылсын. Аларды айрыкча катуу кармоо кажет, беймарал, тынч жашай беришсин. Сууга карап, көк кубалап, каалагандай көчүп-конушка болбойт, бирок канткен менен, алыс кетишкен жери жок, айтор, ишембестик кылып, көп эле артынан түшө бериш жарабайт.

УЛУУ ЦИН СУЛАЛЕСИНИН БАРДЫК ӨКҮМДАРЛАРЫНЫН БАШКАРУУ БАЯНЫ

«Дай Цин Аичао Шиау» 252-бап

Цяньлун: 10 жыл (1745), 11-ай

35б Түндүк-батыш кош жолундагы (б. а. Жуңгария менен Кашкардагы) цзянцзюндарга жана дачэндерге маа нилүү иштер боюнча чара көрүшкө буйрук берилди.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

36а Аньсидеги тиду Ли Шэн-у маалымдагандай, башта, жуңгарлар Турфандан кетишкен кезде, уйгур Хайдили үстүбүздөгү жылдын 9-айында Галдан Цэрен дүйнөдөн кайтыш болгонун кабарлаган. Ал (Ли) коргонушту (чыңдоо) максатында ар кайсы кароолдорго кошумча жоокер күчтөрүн койду.

Түндүк-батыш кош жолундагы цзянцзюндар менен дачэндерге Галдан Цэрендин өлүмү жөнүндө Императордун жашырын жарлыгы жазылган кат-кабар жибериш керек. Алар маалымат билдиришке чабаганчы чаптырышкан жок, бирок чегарабызды бекемдеп, мерчемдүү жерлерде сактык чараларын көрүп жатышат; этибар албай коюшка эч болбойт. Эгер азыр жазалоочу аскер атказыш керек болсо, алар (жуңгарлар) аза күтүп атышкан чакта, мен андай ишке түк да баргым келбейт. А бирок алардын журтунда баш ийбегендери бар болсо, жок жерден тополоң чыгып кетиши ыктымал, же жагдайды чалгындап билишке тымызын чегарага кириштери мүмкүн, айтор, алдын ала бардыгын айтыш кыйын.

36б Ачыгы, чегараны бекемдешке, кароолдордо тартипти чыңдап, сак болушка милдеттендириш зарыл. Бардыгын күн мурунтан даярдалган орундарга жөнөтүү, цзянцзюнь менен дачэнге кандай аракет кылышты жакшылап акылга салып калчап чыгышка тапшырма берүү, тийиштүү түрдө аткаруу жана алдын ала сактык чараларын көрүү ылазым.

520-бап

Цяньлун: 21 жыл (1756), 9-ай

Динбянь юфу цзянцзюнь Чжао Хуэй билдирди.

Былтыр Түркстан шаарларына Императордун жарлыгын жар салышка атказылган офицер шивэй Толуньтай ушул убакка чейин али кайтып келелек. Мен Үч-Турфандык уйгур беги Гэдаймотэден жана ошондой эле Чжаэрхудан сураштырып көрдүм. Циси, Кэсиэргэ – бүт баары тең бир ооздон өкүл (иш менен) кармалып жатат деп айтышты. Сыягы, түркстандыктарда бир жаңжал чыккандай: же Бурхан ад-Дин келип тополоң баштаган, же жарым жолдо буруттар менен уйгурларда опуртал иш болгон. Айтор, бардыгы бүдөмүк. Императордун калайыккалкты баш ийишке ийиктириш тууралуу жарлыгын жар салышка Аксуга, Кучага, Үч-Турфанга аскер жиберсек аны угуп, Яркенд менен Кашкардагы уйгурлардын үрөйү учат эле. Менин жаман оюмда, эгер түркстандыктарды Яркендде жана Кашкарда тартипке салбасак, кийин соң алар буруттар менен биригип алып, тополоң чыгарышы мүмкүн.

10а Ошондуктан жүз жоокер кошуп фудутун сянь Ахуйдаону жөнөтүп, Чжаэрхуга, Цисик Сиэргэге Күнгес жана Жылдыз конуш журттарынан үч миң элют-жоокерлерин баштап, Үч-Турфандык Гэдаймотэ бек менен чогуу аттанып чыгышка буйрук кылам. Ар кайсы жерлердеги түркстандык тургундарды моюн сундурушка жана шивэй Толуньтайдын кабарын чалышка (аскерди) 9-айдын 15и күнү атказсакпы деген ойдобуз. Эгер Аксудагы, Кучадагы мусулмандар эркибизге көнүшсө, жыл сайын салык төлөй турган болушат. Же салыкты Турфандагы Эмиль-кожого төгүштү буйрук этебиз, же кандай кылышты жеринде чечиш үчүн Илидеги баньши дачэнге жиберебиз. Каршылаша турган болушса, кызыл кыргын салабыз.

Билдирүүнү Улуу өкүмдардын кароосуна жиберебиз.

568-бап

Цяньлун: 23 жыл (1758), 8-ай

Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой маалымдайт: «Ушу күндө аскерди эки багытка бөлдүк. Сизди урматтаган кызматкериңиз Фу Дэ ойроттордун калдыктарын издеп таап, туткундаш үчүн Чүй, Талас, Шарабора (Шарабэль) багытын карай жүрүп кетти. Сизди ызаттаган кызматчыңыз Чжао Хой Тэмурту (Ысык-Көл) көлүнөн Казак-Сарынын изине түштү, бирок кармай албай калды. Бириндеп качып кетишти, чогуусу менен колго түшүрүшкө эч ылаажы болбой жатат. Эми саргара жортуп Санташтан издемекчибиз».

Чжао Хойго аскер менен Кучага аттангын деп канча ирет буйрук кылдым. А Казак-Сарыны кармаш атайын (буйрук менен) Фу Дэге тапшырылат. Чжао Хой буйрукту орундап, тез арада уйгурларга аттанышы кажет жана негизги милдети Хоцзичжанды (Хан Кожону) издеп таап, колго түшүрүш экени (ага) билдирилсин.

569-бап 8-ай, 1758-ж.

21а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун буйругу.

Фу Дэ Таласка барып калды; батышта казактардын чегарасына чейин жетип, Казак-Сарыны кармамакчы.

Арийне, Казак-Сары мурда Эрлэйдин кол астында болгон; экөө былтыр Шараборадан (Шарабэлден) жолугушкан. Эрлэйге аттанып барып, колго түшүргүлө деп канча жолу буйрук кылдык. Чэбдэнджаб, Фу Дэ баштагыдай эле буга чейинки буйрукка ылайык аракет кылышсын; бул тапшырма (аларга) билдирилсин. Илиге кайтканда, эгер шарты келсе, Тэмурту-нордон (Ысык-Көлдөн) түз эле Яркенд менен Кашкарга жөнөсө эң сонун болот. Болбосо, Чжао Хойду утурлай Аксуга багыт алынсын. Бүт болгон күч-аракет Хоцзичжанды колго түшүрүшкө жумшалсын жана айтарлык ийгиликтер болсо билдирилсин.

568-бап

1758-ж., 9-ай

Бурут өкүлү Черикчини кабыл алып, сый көрсөттүк. Бурут өкүлү Шэрбекти кабыл алып, сый көрсөттүк. Бурут өкүлү Шүкүрдү кабыл алып, сый көрсөттүк.

1(8)б Императордун Дяньпоцзинчэн ак сарайында бурут өкүлү Черикчини кабыл алуу каадасына катыштырдык.

568-бап

9-ай, 1758-ж.

Динбянъ цзянцзюнь Чжао Хой Аксулук уйгур Болот чын дилден моюн сунганын маалымдады.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун буйругу.

Чжао Хой билдиргендей, даңктуу аскерибиз Аксуга жетип барды, уйгурлар багынды. Ушу тапта аскерге тез арада аттанып чыгышка буйрук эттик, буюрса, Хоцзичжань жакында колго түшүрүлөт. Мен алардан ийгилик күтөм. Ярхашандын аскери буга дейре Кучага жетип, шаардын сепили бекем, бузуп өтүш кыйын экенин көргөн, андыктан бул ишти Эхуй-кожого тапшырганбыз. Ал мунун өтөсүнө чыгалбасын мен ошондо эле сезгемин. Андан бери чаташкан башаламан маалыматтар келип түшүүдө; ал аз келгенсип, башчысы да тузакка тутулган жеринен качып кеткен.

Андан соң Чжао Хой кошунду баштап барып, Эхуйкожонун демине дем кошту; кантип салгылашты үйрөтүп, кесептерди тайманбай жок кылышка кол кабыш этти; канткен менен биздин аскердин күч-кубатына таянды.

Ушу кезде Хоцзичжань кайта Яркендге качкан болуш керек. Мурда шивэй билдирген маалымат толук чын чыгып жатат. Кабарга караганда, Яркенд шаарында суу тартыш, сырттан алып келиш керек. Чжао Хойго буйрук берилсин: эгерде аскер Яркендге жеткенде, Кучадагыдай эле ал жерде дагы кесептер бекем коргонушкан болсо, анда эң оболу суу алына турган жол тосулсун. Дагы бир ой. Мүмкүн, Хоцзичжань шаардан жылт коюп, алыс качкандыр; тымызын буруттарга же Хиндустан журттарына кирип кеткендир. Артынан тез куутун салынсын жана жок кылынсын, оңтою келип турганда, колдон чыгып кетпесин.

23а Императордун буйругу.

Казак Балукэге (Барук) кез келгенин Фу Дэ кабарлады. Андан Солтун-баатыр менен көпөстөр кабыл алуу каадасына барышка жолго чыгышкан-чыгышпаганын сураштырган.

Казактар, буруттар – «сырттагы фандар» (жапайылар, күнкорлор). Кабыл алуу каадасына келишкенде, алар чын ыкыласын билдиришкени менен, ошол эле учурда белек-бечкек алышка үмүт этип турушат. Эгер ой-ниеттери, айткан-дегендери чын дилден чыгып жатса, алардын борборго келишине өзүңөр уруксат берүүгө тийишсиңер.

23б Кийин мен тийиштүү түрдө сый-сыяпатка карк кылып, сыйлап алам. Жок, ой-ниеттерин али билдирише элек болсо, аларды андан ары тескеп-териштириштин кереги не, тынч көчүп жүрө беришсин. Муну Чжао Хойго, Намчжалга, Фу Дэге жана башкаларга да атайын айттырып койгула. Мындан ары сырттагы жапайылар кабыл алуу каадасына барабыз дешсе, өздөрү келмейин күткүлө; түрткүлөп шаштырбагыла. Соода-сатыкка келсек, мурда аскерди эртелеп жабдып алчу элек. Азыр эми уйгурларга байланыштуу иштерди бүткөрдүк, демек, дагы ат-көлүк сатып алыштын кереги жок. Эгер айткан убагында келишпесе, аларга деген товарларды сактап коюш керек; качан келишкен кезде кайтадан соода кыла берсе болот. Ошондой эле кайра-кайра текшериштин да кажети жок. Сырттагы жапайыларды сылап-сыйпап, ынтымак менен башкарган оң.

572-бап 10-ай, 1758-ж.

Тоо арасында, шар аккан суунун боюнда Императордун чатырында бурут өкүлү Черикчини кабыл алуу каадасы болуп өттү.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун буйругу.

Кабыл алуу каадасына келген бурут өкүлү Темурту-нор (Ысык-Көл) алардын абалкы конуш журту экенин айтып, энчилешти суранды. Менин жарлыгым мындай: силердин эзелки конушуңар болгону менен, бирок жуңгарлар басып алышкан; кантип эми мурункудай силердин жер дейбиз! Арийне, силер биздин букарасыңар; бу жерлер, балким, силердин конуш жайыттарыңардын жанындадыр, абдан кенен. Жашооңорго жардам катары тийиштүү түрдө энчилеп беребиз, демек, баары жакшы болот. Андан соң, текшерип-териштирип, маалымат билдиришкенден кийин кайтадан жарлык чыгарыш үчүн цзянцзюнь менен дачэнге тапшырабыз. Чжао Хой менен Фу Дэге буйрук беребиз: кокус бурут өкүлүн кездештирип калышса, ага тийиштүү түрдө ачык түшүндүрүп коюшсун.

Эгер Чжао Хой бул жердин (Ысык-Көл атырабы жөнүндө сөз болууда) чоо-жайын (жакшы) билсе түшүндүрүп, (бизге) маалымат билдирет. Жок, анчалык ачык билбесе, жакшылап териштирип-текшеришке киши жиберсе болот. Илиге жакын жана аскер конуштарын жайлаштырганга жарамдуу жер болсо, анда эч бир колдон чыгарбаш керек. Мүмкүн, алардын конуш жайыттарына жакын арада ээн жаткан жараксыз жерлер бардыр, ошолорду беришке буйрук этебиз. Эң оболу чегараны ачык-так аныктап алыш керек. Эгерде Чжао Хой менен Фу Дэ уйгурлар менен али ишин аякташа элек болсо, анда Илиге барганда аткаргын деп Намджалга тапшырабыз.

18б Императордун буйругу.

Чжао Хой маалымдагандай, Ходжасы (Ходис) бек Үч-Турфанга караштуу бурут улугу Гэдини буйрук менен аскер туругуна чакырткан. Билдирилген маалыматка караганда, мурда Хоцзичжандын кол астында 3 миңден ашуун адам болгон. Аны менен кошо жүрүшкөндөр абдан кыйын абалда калышкан: куралдары жарактан чыккан; ат, төөлөрүн союшка аргасыз бөлүшкөн, ошондон улам жапырт нааразылык туулган.

19а Кесептердин үйүрү ыркы кетип, ыдырап турат; ири ийгиликтер тууралуу өзүңөр эле дароо билдире берсеңер болот. Кесептердин арасында Ходжасынын ага-инилери менен жээндери бар. Алар азыр өздөрү баш уруп келишсе, кечирим кылабыз. Абдуклэмди гана эч кечиришке болбойт. Куча менен Аксуда аскерди экиге бөлүп жайлаштыруу туурасындагы мурунку буйрукка келсек, ал адегенде уйгурлардын журтун тебелеп-тепсеп курутушту эмес, аларды кайтарып, көзөмөлдөш максатын көздө гөн. (Ушундай) апыртма аңырт-каңшаарлар (уккандардын) үрөйүн учуруп, шек туудурабы деп чочуйм. Ал эки жерге туруктуу аскер конушун орнотуштун пайдасы барбы-жокпу, ачык аныкташка Чжао Хойго атайын буйрук жиберебиз. Балким, убактынча 1–2 жылга жайлаштырарбыз, же биротоло калтырып коёрбуз. Бардыгын ийне-жибине чейин ойлоштургула. (Аскер) конуштарына жана алык-салыкка байланыштуу иштерди дагы тиешелүү түрдө тактагыла.

19б Мурдагыдай эле көрсөтмөгө ылайык, борборго келип, ишти жайгарыш үчүн Намджалга тапшыргыла.

574-бап

11-ай

Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой билдирди: мен 10-айдын 3-күнү аскерди Яркендден 40 ли аралыктагы Хуйциарыкка баштап бардым.

10а Шивэй Маньчорту бир уйгурду колго түшүрдү. Анын айтымында, Аксу менен Үч-Турфан багынгандан кийин Хоцзичжань үч миң уйгурду баштап бир түнгө Кашкарга кирген; төрт күн Япургада турган. Хоцзичжандын жосунсуз жоруктарына Борониду аябай нааразы экенин, ар кими бирден шаарды коргошко, өз ара кат-кабар алышып, бири-бирине көмөк көрсөтүшкө бүтүм кылышканын айтышууда. Борониду аттуу-жөөсү биригип 10 миң ашуун адамга баш болуп, Кашкардан бир бекет аралыктагы Дангэлциде жайланышкан.

Хоцзичжанды айылдык уйгурлар Яркендге үймөк чөпкө жашырып алып өтүшкөн. Шэлэмэтэге (Шэрматка), Моло Гэлибге 50 адам баштап барып Бурцзе-бостунга кароол коюшка буйрук кылдым. Шаарда 5 миңден ашуун адам, атчан ойроттор, буруттар, Илилик уйгурлар бар; жөө аскер эң эле көп. Хоцзичжанга кошулуп, колдошкондор: бек Абдуклэм, Нияз-сопу, Ашгэ, Иланхэли, Букунь. Калгандары бүт нааразы. Хоцзичжань: «»Кубаттуу аскер уйгурларды тукум курут кылды; Ходжасы (Ходис) бекти өлтүрүп салышты», – деп калайык-калкка калп айтты. Хоцзичжань Шаярдын мал-жанын олжолоду; үй-мүлкүн тартып алды жана дагы Абдугуабды, анын балдары менен бир тууган ага-инилерин абакка салды. Анын үстүнө Үч-Турфан менен Сайрамдан көчүп келишкен үч жүздөн ашуун уйгурду өлтүрдү.

Биздин аскер шаарга чукулдап келип, бирок кесептердин чабуулуна учураган жок. Бул шаар Кучадан чоң. Чар тарабы биригип 12 чакырым.

11а Менин кол астымдагы төрт миңден ашуун атчан жана жөө аскер шаардын бир гана тарабын камалашка чамасы жетишет. Анан калса Үч-Турфандан чыкканы, чөл кезип 1500 ли жол жүрдүк. Миңден ашуун ат-көлүк арыпчарчады. Шаарды курчашка дарман аз, кесептер капыстан качып кетиши мүмкүн. Анда менин оюмча, каракчылар бир гана түштүк жолу менен Хиндустанга, Бадахшанга, Кара Тибетке кача алышат. Андай орчундуу багыттарга жол тосушка жоокерлерди жиберип, кароол койсокпу деп жатабыз. Андан сырткары, бекитилген эгин-тегиндерди, тоо-ташка жашырылган мал-жандыктарды издеп таап тартып алышка, алардын мал жайып, отун чогултушуна жол бербешке айыл-журттарга атчан жоокерлерди атказмакчыбыз. Мына ошондо, албетте, алардын ич арасында өзгөрүш болот. Жоокер күчү жана ат-көлүк жаатын айтсак, бу жагынан жардам керек. Кучада, Сайрамда, Байда жана башка жерлерде жайлаштырылган жашыл байрак (б.а., кытай) жоокерлерин (аскердин) алдыңкы сабына атказышты, ошондой эле үч миң ат жиберишти өтүнүү зарыл.

11б Мамлекеттик кеңештин министрлерине буйрук.

Чжао Хойдун кат жүзүндө билдирген маалыматы: көптөн бери келелексиз, мен абдан камтама болуп жатам. Ушу кезде кабарга караганда, аскер Яркендге жеткен. Кесептер азырынча согушка кирише элек. Бирок биздин жоокерлер менен ат-көлүктөр алыс жолдон арып-чарчап калышты. Мен ошондой эле (душманды) бөлүп-жарышка мүмкүнчүлүк болбой жатканы шашылыш чара көрүштү талап кыларын да жакшы билем.

Чалгынды күчөтүп, убаданы аябай бергенде гана иш өз убагында оңолот.

Борониду (Бурхан ад-Дин) Хоцзичжанды (Хан Кожо) жек көргөндүгүнө байланыштуу, баш ийүү туурасындагы баштапкы жарлыкты (Сиз) өзүңүз алып, (ага) Императордун буйругун жиберишке тийишсиз. Хоцзичжань Ходжасы (Ходис) бекти өлтүргөнү жөнүндө айтсак, апыртма кептер элдин кыжырын келтирет. Аны да ачык жарыя кылыш керек, уйгурлар өз көзү менен көрүшсүн. Андан сырткары, алардын отун чогултушуна жана кудуктан суу алышына бөгөт коюш, айыл-кыштактарын тынчытыш – мунун баарысы жакшы ойлоштурулган. Ат-көлүк жибериш туурасындагы өтүнүч кабарды бул ишке жооптуу дачэнь менен шивэйдин кеңсесине тапшырдык.

12а Дагы айтаарыбыз, солунь жана чахар жоокерлери уруш сабына барып кошулду; ал эми Чжао Хой болсо, каткабар албагандыктан, жашыл байрак аскерин (б. а., кытай аскерин) толугу менен атказды. Кесептер качышы мүмкүн болгон жол болсо жылчыксыз тосулушу кажет. Эгер алар түндүккө карай барышса, кача турган жагы жок, сөзсүз колго түшүшөт. Чжао Хой аткарышка күч үрөшү керек; муну менен бирге Фу Дэге чогуу аракет кылыш үчүн тез арада аттанып чыгуу тууралуу буйрук тапшырылсын. 575-бап

11-ай

12а Императордун жарлыгы.

Шухэдэ маалымдады: Үч-Турфанда жашоочу бурут Темиржан буруттардын улугу менен жакшы тааныш. Жоокерлериңерди Кашкарга чабуул коюшка аттандыргыла деп айттырышка, ошону менен кесептердин каруукүчүн бөлүп-жарышка ага шивэй Бучжаньтайды кошуп (буруттарга) жөнөткөнү жатабыз.

12б Айта кетчү дагы бир нерсе, мурда уйгурларды кабыл алуу каадасына баштап барган Цзелинь (Керим) Чжэлушань азыр Хотанда. Эгерде уйгурлар кесептерди биз менен чогуу соккулары келсе, жакшылап жардам беребиз деп Одуй бекке кабар айттырганы атабыз. Болгон жаңылыктарды Чжао Хойдон дагы бир жолу тактап алып, анан Саньсабаонун солунь жоокерлерин жана башка 6 адамды алга жөнөтмөкчүбүз. Бардыгын өз убагында аткарсак абзел болот.

Бирок Чжао Хой курчоодо; жиберилген кошумча күчтөргө таянганы менен 1 айга чейин гана коргоно алат. Биргелешип аракет кылбаса, акыр түбү кыйын.

Мин жоокер келди, шашылыш жардамга жөнөттүк деп, буга чейин Шухэдэ билдирди эле. Арийне, бул анча көпкө жеткен жок, миң адам аргасыз алсырады.

Шухэдэге атайын буйрук жиберебиз: жаңыдан атказылган офицерлер менен жоокерлердин ичинен 1–2 миңи иргелип, кошумча түрдө алга жөнөтүлсүн. Ошондой эле ат-көлүктү алсыратпаш үчүн, кошун качан чогуларын күтүп, анан атказуу керек.

13а Кэли(ри)яс беги Алимшаны моюн сунушка чакырган Чжэлушань тууралуу айтсак, жакшы кызмат кылды жана артыкча сый-сыяпатка арзыды: тоостун канатына жана шивэй ченине татыктуу болду. Кошо жүргөн уйгурлар дагы сыйланышты.

19б Аксулук баныни шиландардын Цаньцзань даяэни Шухэдэ маалымдады: 10-айдын 25-күнү цзянцзюнь Чжао Хой үчүнчү даражадагы шивэй (офицер) Исаманы, сяоцисяо (тандамал атчан аскердин унтер-офицери) Чжабдуньчаны элүү жалданма жоокерди тоостун канаты жана атка жабылуучу калкан менен сыйлашка жөнөттү. Шацзиньча, Укэшэлэту жана дагы 5 адам бүт (Сизге) таазим эткен кызматкериңизге көчүрмөсүн тапшырып, бардыгын билдириш үчүн Аксуга келишкенин айтышты. Ошондой эле (Сизди) урматтаган малайыңызга аскерди жардамга баштап барышка буйрук этилди. Сизди ызаттаган кызматчыңыз алардан сураштырып билди: көрсө, аскер курчоодо калып, булар кеч түндө качып чыгышыптыр; капыстан кесептерге кабылышып, (алар) кууп жөнөшүптүр. Жанынын барынча атышып, качып жүрүп отуруп мында келишиптир.

Бул 50 жалданма жоокер ишти жакшы билишет. Мен аларга Баркөлгө чаап жетип, атчан аскерди шаштырышка буйрук кылдым.

Андан тышкары, мен башта Лундан кабар түшкөндө, болгон жаңылыктарды чекмелеп билишке Башкы башкармалыктын (Шу бацзун) офицери Суюфуну (балким, Юсуф, Юсуп) жөнөткөн элем. Ушу күндө жооп алдым: 10-айдын 20 сында Тоханьтаханга жетебиз. 6–7 жүз чамалуу кесептер капылеттен чыга калышып, кол салышты. Шуцзун (цзунли ямындын башкы кеңсеси) жоокерлеринин жардамы менен жүздөн ашуун кесепти жок кылдык; калганы качып жоголду. Жарадар кесептерди туткундап, сурак кылдык. (Алардын) айтышынча, Борониду менен Хоцзичжань Кашкарга качып кетишкен. Бек хасан Шоудыр долундук уйгурлар менен кошулуп, Барчукту жана башка почта бекеттерин басып алышка кам урууда. Тоханьтахань почта бекети таланып-тонолгон; калгандары азырынча аман-соо. Бэйлэ Юсуптан жаңы эле Үч-Турфанды коргошко 500 жүз жашыл байрак жоокери атказылганын кабарлаган кат алдык.

Андыктан Сиз ге баш урган малайыңыз кол астындагы жашыл байрак жоокерлери менен жакын арада аттанып чыгышка Айлунга буйрук кылды. Сайрамга жиберилген жашыл байрак жоокерлери кырып-жоюшка аттанып чыгышка кам уруш үчүн Аксуда калышты. Аскерге азык-түлүк жеткиришке жана ошондой эле куралжарак менен жабдышка келсек, бул биз үчүн тезинен аткарышты талап этет.

Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой кабарлайт. Мен Хоцзичжандын мал-жаны жана Шаласынын тууган-туушкандары шаардын түштүк жагындагы Иньэцибаньшань тоолорунда экенин туткундардан сурап билдим. Колго түшүрүп, ошону менен кесептердин каруу-күчүн бөлүп-жаралы деп жатабыз. Чжао Хой менен Фу Дэ быйыл жайында күчүбүздү бөлүштүрүп, чегараларды кыдырып чыгышмакчы. Алардын кол астында бар болгону миң эле киши бар; арийне, оң жана сол канат казактары, чыгыш жана батыш буруттары, ар кайсы жерлердеги уйгурлар кол салышып, тынчыбызды алышкан жок. Багынгыла деген чакырыкты күтпөй эле, качантан бери биринен бири өтүп баш ийип жатышат. Уйгурларга баруучу жолдогу Аксу жана башка шаарлар, аскер жакындап калганын укканда, өзүнөн өзү үрөйлөрү учуп, оңой эле жеңилип беришээри бышык. Ошондой оңой-олтоң ойлоп, жеңиштин аркасы менен Яркендге жана Кашкарга да эч токтоосуз, түз эле кирип бармакчы болгонбуз. Буга дейре козголоңчулардын күчүн жеткире баалай алган эмес экенбиз, бул менин катам. Душмандын күчүн жете баалабай, алаңгазарлык менен чабуул коюшка кантип чыдашка болот! Буга жоопкерчилик Чжао Хойдун мойнунда!

Белгилүү болгондой, бир нече жыл ичинде жуңгарларды, оң жана сол канат казактарын, чыгыш жана батыш буруттарын караттык. Чындыгында да эң сонун жеңиш. Арийне, ишибиз оңунан чыкпай калганына кейиш кылганыбыз менен, а бирок жоокерлерибиз мыкты.

575-бап 39а Императордун жарлыгы.

Шухэдэ билдирди: Кашкарга чабуул коюшка жоокерлериңерди аттандыргыла деп айттырыш үчүн шивэй Бучжаньтайды буруттарга коштоп барышка бэйлэ Юсуп бурут Темиржанды жиберди. Темиржан бу күндө өзүнүн жек-жааттары Улутэни, Тэмурду жана Жусупту ат-көлүк жеткиришке жөнөттү. Жибек жана чай-чамек белек кылып, үй-бүлөлөрүнө каралаштык. Алар курсант болуп, аттанып кетишти. Юсуп аскер туругунун иштерин жүргүзүп, аскер күчтөрү менен Үч-Турфанды ээлеп турат; жанынын барынча жакшылап кызмат кылууда. Бул өтө жагымдуу жорук, андыктан сый-сыяпатыбызды арттырып, бэйлэ мансабын ыйгардык.

577-бап

Цяньлун, 24-жыл (1759-ж.), 1 ай

Цзюньцзи дачэнге Императордун жарлыгы.

Юсуп маалымдагандай, буруттарга атказылган шивэй Бучжаньтай кайтып келди. Ал 11-айдын 18и күнү буруттардын чегара чөлкөмү болгон Ат-Башыга жетип, козголоңчу кесеп Хоцзичжань киши жиберип, каруу-күч сураганын уккан. Бучжаньтай Черикчинин уулу Цэлимуботэге каракчыларды кармап беришти жана ошондой эле (аларды) кырып-жоюш үчүн жардамга жоокерлерин жөнөтүштү сунуш кылган.

Анын жообуна караганда, алардын конуш журттарын Минилеха башкарат; ошого барып айтыш керек экен. Анан калса (анын) айтышынча, качып келгендер качан эле көздөн кайым болушкан. Конушта адам аз; атказыш кыйын, айтор, Маматкулга барбаса болбойт. Бирок ашууларды калың кар, күрткү басып калгандыктан, өтүш кыйын дейт.

Бучжаньтай билдирген маалыматка караганда, буруттар кол-кошун атказышкан эмес; андай болсо, буга чейин Кашкарга караштуу Янги шаарды кайдан чыккан жоокерлер талап-тоношту; атайын текшерип-териштириш жагы Чжао Хойго тапшырылсын. Оролу келгенде козголоңчу кесеп Хоцзичжандын дайын-дарегин сураштырып билгиле. Колго түшүрө элек болсоңор айткыла, буруттар көмөк көрсөтүшсүн.

Жарлыкты тапшырып, Черикчиге мындай деп жарыялагыла: «Эгер Хоцзичжань сага качып келсе, сен өзүң кармап беришиң керек; кокус жардам талап этилип калса, даңазалуу аскерибиздин күч-кубатына сүйөнсөң болот. Канчалык көбүн колго түшүрсөң, анда да душмандан ошончолук өткөн өчүңдү, кеткен кегиңди кууп аласың».

Ошондой эле Баркөл багытындагы Цин Фу менен

Дин Чжанга дагы табышталсын, алар да жарлыкты тапшырышка жана анын жообун тез билдиришке аракет кылышсын.

16а Черикчи бурутка жарлык.

Цзянцзюнь менен дачэнь маалымдашкандай, жакында силердин конуш журтуңарга жиберилген шивэй Бучжаньтай силердин Цэлимуботэ жана Минилеха менен жолугушкан. Конушта адам аз, болгондору мал-жан менен алек экенин, анын үстүнө, кыштын кычыраган суугунан, калың кардан улам каруу-күч атказа албасыңарды уктук.

16б Мен жагдайды жакшылап түшүнүп, Императордун жарлыгын тапшырышка тапшырма бердим: «Силер четки чегарадагы көз каранды журтсуңар (фань бу); туура жолго түшүп, чын ыкыластан ыкрарлык кылдыңар; чогуу-чаран, тынч-аман жашашты айрыкча каалайсыңар.

Ушу кезде цзянцзюнь менен дачэнь ийгиликке жетишкен болуш керек. Силер жоокерлериңерди жибересиңерби же жокпу анчалык деле чоң мааниге ээ эмес. Арийне, тополоңчу кесептер Борониду, Хоцзичжань жана аларды колдошкон уйгурлар, ойроттор даңктуу аскерибиз тарабынан чабылып талкаланды; кээ бирлери силердин конуш журттарга качып кетишти. Козголоңду козуткан белгилүү башчыларын издеп таап, бизге кармап бериш зарыл. Ошондо чын дилден ыраазылык билдирип, ыкылас-ынтаа көрсөткөн болосуңар. Мен кайрымга карк кылып, сыйсыяпатымды аябайм.

Жакында эле (биз) оң канат казактарына Чжанцзиннаванды жөнөттүк, ал (алардын) өкүлүн кабыл алуу каадасына узатып барды. Жолдон силердин Каработо бурутка учурап калып, андан мындай кабар уккан: ойроттор, Казак-Сары бир туугандары менен, 20дан ашуун адам силердин саяк жана сарыбагыш журтуңарга кире качышкан. Казак-Сары жакшылыкты билбеген чыккынчы-кесеп болуп чыкты; кечиришке татыксыз. Азыркы күндө силердин журтка качканы анык окшойт. Качкын кесептерди жана алардын аялдарын кармап жөнөтүштү аталган уруу-журттардын адамдарына силер өзүңөр ачык айтып тапшырышка тийишсиңер. Алардын урук-туугандарын калтырышка болбойт.

Императордун жарлыгын алаар замат, өз конушунан канчалык аралыкта экенине карабай издеп таап, камакка алышка аталган журттарга тийиштүү түрдө же Черикчи өзү аттанып барышы керек, болбосо аларга колго түшүрүп, жөнөткүлө деп буйрук кылышы зарыл».

Ошондой эле: «Дагы жаап-жашыра турган болсоңор, цзянцзюнь менен дачэнь аталган журттарга аскерди өздөрү баштап барып, (кесептерди) издеп таап, туткундашат»,– деп атайын эскерттик. Ушундан соң эси чыккан эмелер батыраак кармап, аскер туругуна жеткирип беришке далбас урбай коюшпайт.

Цзянцзюнь (Черикчини) чакыртып, жакшылап сыйлашты чечишкенин Императорго маалымдайт.

Ошондой эле (буруттарга багышталган жарлыкта) дагы мындай делет: «Биздин даңктуу аскер жакында козголоңчу уйгурларды курутту. Силердин буруттар Кашкарга караштуу Янги-Гиссарды каракташканын, Борониду болсо кайта артка тартып, жанын ала качканын айтышууда. Азыр эми силердин журттардан кошун-кол атказылбаганын айтып атасыңар; анда бул кимдердин колунан келди? Даңазалуу аскерибиз жаңы эле чабуул баштап, козголоңчулардын шаарын басып алып жаткан. Жоокерлерин жиберип, талоончулук жасаган буруттар ошонусу менен кесептердин каруу-күчүн бөлүп-жарышты. Бул өтө кубанарлык иш болду, андыктан мен марттык менен ыраазы кылгым келет. Сиз дагы тактап билдириңиз. Ал буруттардын бардыгы тең сиздин урук-журугуңуз, демек, алар менин ырайымдуу ыраазылыгымды алышмакчы; сиз дагы атак-даңкка арзыйсыз. Болгонун болгондой баяндап, жакшылап маалымат билдириңиз; жолдо кез келген чачэндин кеңсесине берип коюңуз. А сизди болсо, атайын жарлык менен билдиребиз».

581-бап

Цяньлун, 24-жыл, (1759-ж.), 2-ай

13б Аскер кеңешинин министрлерине Императордун

жарлыгы.

Биз картадан карап көрсөк, Хотан Яркендге абдан жуук, а Аксу болсо, алыс экен. Кесептердин кол салганы тууралуу кабар Шухэдэ аскер менен аттанып чыкканга чейин белгилүү болду.

14а Бирок да Цэрин каруу-күч сурап жатканын Юн Гуй Балуга кат жүзүндө кабар кылган. Цзянцзюнь менен дачэнь жардамга аскер атказыш маселесин, албетте, чогуу талкуулап көрүшмөкчү. Иштин чоо-жайы мындай, ЖиханКожо бир канча жолу жеңилгени менен, а бирок Хотанды алышка күч-кубаты жетиштүү. Менин жоокерлерим азыр Яркендди алалышпайт, арийне, Хотанга жардамга барышка толук жарамдуу. Хотандын колго тийиш-тийбеши бир гана нерсеге – ага ким (бизби же козголоңчуларбы?) озунуп жетишине жараша болот. Кокус кесептер ээлеп кетсе, анда менин офицерлерим менен жоокерлериме, ошондой эле Одуй бекке боор ооругандан башка, эмне демекпиз. Анын үстүнө, бектер ар бир шаардан термелеп чогултушкан азык-оокаттар бүт бойдон кесептердин колуна түшөт. Анан кайтадан чабуул коюш кыйын болот.

Жакында Императордун жарлыгы менен бир нече жүз жоокерди баштап аттанып чыгып, өргүп чыңдалышка Балуга тапшырма берилди; эң негизгиси – тездик менен илгерилеш. Жагдайды картадан жакшылап дагы карап көрдүк.

14б Кашкардан түндүк-батыш чөлкөмдө буруттардын жана казактардын конуш журттары жайланышкан. ҮчТурфан шаары да аябай бекемделген. Биз козголоңчулардын башчысы аргасыз тузакка түшпөй койбойт деп ойлойбуз. Орусияга качыш үчүн Бедел, Кукурлик, Бителик, Янарат ашуулары аркылуу жол издеши мүмкүн. Эгерде бул жактан Илиге өтүп кетишке ылаажы бар болсо, анда жер-жердин бардыгына кароол коюп, жолдорду тороп салабыз. Ошондо кармашка оңой болмокчу. Ошондой эле картадан бүт белгилеп, ийне-жибине чейин иликтеп, чара көрүшкө Чжао Хуэйге тапшыргыла. Козголоңчулар колдон чыгып кетишине жол бербегиле.

19б Баркөлдөгү баныни бучжэньши Цин Фу билдиргендей, Черикчи кабарлайт: «Казак-Сарынын ойроттору башта менин чегиме келишкен эмес. Азыр тымызын кирип, жашынып жүрүштөрү мүмкүн. Кокус Борониду менен Хоцзичжань качып келип калышса, сөзсүз өз колум менен кармап жөнөтөм. Кашкарга караштуу шаарды карактагандар жөнүндө, буруттар андай ишке даабайт эле, кайсы журттан экенин билбейм. Анык-тагы айкын болгондо кабарлайм.

33а Назарыңарга салам. Цзюньцзи дачэнге Императордун жарлыгы.

Маликэрбалан уйгурларга кошулуп кеткенин мурда эле билген элек.

33б Ошондо эле Чжао Хойго кунт коюп териштирип, камакка алышка буйрук кылган элек. Жакында Наван маалымдагандай, Казак-Сары буруттарда экен. Кармап жөнөткүн деп Черикчиге буйрук эттик. Эгер мажбурласак, ал дагы уйгурларга кошулуп кетет.

Эң негизгиси – эки кесепти тең колго түшүрүп, качырбай кармап калышта турат.

34а Императордун жарлыгы.

Мен ойлойм, Чжао Хой менен Фу Дэнин шашылыш чегиниши андан бетер натуура деп, дегеле алардын өздөрүнүн пикири кандай, биле албай турам. Анын үстүнө, иштин чоо-жайын карап көрсөк, көбүрөөк каруу-күч жана ат-көлүк талап кылынган экен. Аскер күчү жана ат-көлүк жетишпеген күндө да, арийне, ушу кантип согуш аракетин токтотуп коюшка шылтоо болсун? Фу Дэ цзянцзюндан жардам сураган; иш токтотулганын өз атынан билдирген, балким, кечирип койсо болот. Чжао Хой кол башчы болуп туруп, адамдар (курчоодон) чыгышка жардам көрсөтүлгөнчө күтүп, анан чегине баштаган. Демек, ал дагы өзүн анчалык осол сезбейт.

Андан калса, Хотанга жардамга барбай койгондо, ошондо чындап Ходжасынын табасы канбайт беле! Ал аз келгенсип, Хотанды бар болгону жүз чамалуу кесеп курчап алган. Андыктан, Цилинчжаб үркөрдөй жоокерлери менен дагы туруштук кылалмак. Чжао Хой ал жакка (жардамга) келээр замат, аердеги адамдар ого бетер кайрат байлап шерденишмек да, ошондо кесептерди таш-талкан кылышмак.

А бирок антишкен эмес.

34б Хуэрци менен Батуциэргэлэни жиберип тим болушкан, башкача айтканда, өз милдеттерине ат үстүнөн мамиле жасашкан. Ушуну ойлогон сайын кабыргам кайышып, кайгы-капам күчөп кетчү болду. Ким Аксуга кайткысы келет, ким Хотанга жардамга баргысы келет, же болбосо, дегеле бүт чогуу-чаран Аксуга кайталы дешеби-цзянцзюнь цаньцзан менен линдуй дачэнден сурап көрөлү. Талкуунун жыйынтыгы кандай болгонун, эмне чечим кабыл алынганын линдуй дачэнь төкпөй-чачпай билдирсин. Жасаптүзөгөн жалганы болсо, токтоосуз олуттуу чара көрүлсүн.

Хотандын курчоодо калганы тууралуу Юн Гуйдан каткабар алгандан кийин, Балу дагы Чжао Хойго жардамга барбаса болбойт деген пикирде болгон, бирок аттанып чыкпай коюшту. Мындай билдирүү эң туура болгонун мен Балуга дагы бир жолу баса көрсөтөм. Азыр цзянц зюнь жардамга аттанып чыкты, демек, эмне үчүн Хотанга көмөк көрсөтүшкө болбосун? Бул маселени караштырып көрүп, жообун билдириш жагы Балуга тапшырылсын.

Наван жакында кабар кылгандай, Казак-Сары буруттардын жеринде жүрөт. Аны сакчылардын кайтаруусу астында (бизге) жеткиришти. Черикчи бурутка бир канча ирет буйрук эттик. Бирок Казак-Сары кыйчалыш кырдаалда калгандыктан, мындай учурда козголоңчулардын башчысы Хоцзичжанды эш тутуп качып кетпес бекен деп чочулап турам. Эгер бир жерден чогуу колго түшүрүп берсе, ого бетер жакшы болор эле. Иштин жагдайы жөнүндө тез кабар кылышты аларга маалымдап койгула.

596-бап

24-жыл, Цяньлун (1759), 9-ай

17а Фу Дэ билдиргендей, сибучакэ жана хэбучакэ (кыпчактар) уруусунун буруттары эң эле ач көз келишет. Ар качандан бир качан ат-төөлөрдү уурдашып, почта бекеттерине бүлүк салышат. Катуу жаза тартып калышарын (аларга) эскертип коюш керек.

Ошондуктан (мен) 200 жоокер атказып, кесептерди издеп таап, камашка цзун-гуань Буниге буйрук кылдым. Үч топко бөлүнүшүп, Цицунь айылын курчоого алышты. Башчысы Абубасыны кармап, сурак жүргүзүштү. Айткандарына караганда, каракчылык жасашкандары чын. Андан соң Абубасыны, Юлдашты жана дагы 30дан ашуун адамды өлүм жазасына тартышты. Калган уруулары муну угуп, корко турган болушат, унуткарып туруп, көнүмүш жоруктарын кайта башташат.

Бул өз убагында көрүлгөн маанилүү чара; сый-сыяпатыбызды арттырып, Буниге сыйлык ыйгарышты министрликке тапшырабыз. Катышкан офицерлер менен жоокерлерди тиешелүү түрдө сыйлыкка көрсөтөбүз.

24а Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой маалымдады: «Козголоңчу кесептердин жолун тосуп салганыбызга байланыштуу, Кокондун Ирдана-бегине, Маргалаңга, Анжиянга, Наманганга жана ошондой эле буруттардын адигине уруусуна буйрук тапшырышка буга чейин шивэй Дактананы жөнөткөн элек. Адигиненин Ажы-бийи менен Кокондун Ирдана-беги чын дилден баш ийишээрин билдиришке адигиненин Ажы-бийи (Ацзиби) Шалакүчүктү (Сары Күчүктү) жибергенин ал (Дактана) кабарлады». Ошондой эле Ажы-бийдин катын берип жиберген; каттын котормосу мындай: «Урмат менен билдиребиз. Учу-кыйырсыз мейкинге жабуу болгон чексиз асман сыяктуу, мүлдө макулуктардын камын көргөн Будданын ашкан адамгерчилик касиети даарыган, илгерки Искендердин айбаттуу сүрүндөй, Үрүстөм шекилдүү Ааламда теңдеши жок баатыр, төрт деңиздин эгеси, улуу мартабалуу өкүмдар Цяньлун өтө бийик урмат менен алдыңкы сап аскерине дайындаган кол башчы. Баш урган букараңыз, буруттардын адигине (уруусунун) улугу Ажы-бий улуу өкүмдарга урмат менен узун өмүр тилейт! Ушу тапта цзянцзюндун жарлыгын алдык, моюн сунгубуз келээрин билдиребиз. Бухарадан чыгыштагы 210 миң адам – биз баарыбыз тең силерге букарабыз». Мен жооп кат тапшырдым жана өзүнчө сый көрсөттүм.

25а Кесептерди жок кылышка күчүбүздү үрөп жатабыз, көрсөтмө күтөбүз.

Чжао Хой билдирген маалыматты карадык; Ажы-бий менен Ирдана багынганы жакшы болуптур; экөөнө тең грамота ыйгардык; жибек жана капчык тартууладык. Алар кабыл алуу каадасына өкүл атказып калышса, борборго коштоп келиш жагы камсыз этилсин.

Императордун жарлыгы мындай: цзянцзюнь Чжао Хой маалымдады: шивэй Дактана Анжиянга жана Коконго барып, Ажы-бий менен Ирдана-бекке жолуккан; экөө тең чын ыкыластан ыкрарлык кылышкан. Чын пейилден чыккан сөздөргө мен абдан курсантмын. Ичкериде да, сыртта да, мен бүт Ааламдын өкүмдарымын; (мен үчүн) бардыгы тең тегиз бирдей. (Биздин) дөөлөткө кайрылгандардын баарысы тең биздин камкордугубузга карк болушат. Тынч-аман жашаш үчүн ар ким өз жол-жосунун тутат. Эгерде силер кабыл алуу каадасына катышышты кааласаңар, келе берсеңер болот, же өзүңөрдүн ордуңарга бир тууганыңарды, же уулуңарды жибергиле; аларга дагы сый-сыяпат көрсөтүлүп, сыйлык тартууланат.

25б Жол ыраак, белек-бечкектерди алып кетиштери кыйын; андыктан ар бирине 2 түрмөктөн жибек, ар бир жупка чоң жана кичине капчык тартуулансын. Өз журтуңарды тартипке чакырсаңар, түбөлүк беймарал бакытка балкыйсыңар. Өзүнчө жарлык чыгарылсын.

597-бап

12а Императордун жарлыгы мындай: Шухэдэ билдиргендей, Аксунун түндүк тарабындагы тоо өңүрүн жайлашкан бурут Гэдай Мырзанын конуш журтун каракчылар талап-тоноп, жылкыларын айдай качып кетишкен. Музарт ашуусу аркылуу Дароо куугун салдык, бирок жете албадык. Юн- Гуй менен На-Шитунга маалымат берилген. Болгондо да жаза тарттырышты байланыш министрлигинен өздөрү суранышкан. Кесептердин артынан куугунга атказылган офицерлер менен жоокерлер, аттары арыпчарчагандыктан үлгүрбөй калышкан. Шухэдэ азырынча чоң ката кетире элек, демек, баарына тең кечирим. Кесептердин изи кай тарапка кеткени бүдөмүк; эч кандай кабар жок. Ушу күндө Шухэдэге зыян келтирилди жана муну жасагандар кимдер – кесептерби же башкабы белгисиз. Нусанга кайра-кайра эскертилди, аттанып чыгышка ашыгат деген ойдобуз.

Жалпы бардыгына маалымдалсын.

600-бап

11-ай

30а Динбянь цзянцзюнь Чжао Хой билдирет: Кокондун Ирдана-беги өзүнө караштуу 4 шаар: Анжиян, Маргалаң, Наманган, Кокон менен кошо баш ийди. Черик жана адигине буруттары, Ажы-бий жана башкалары моюн сунганын билдирип, өкүл жиберишти. Бул калган журттарга да маалым болду.

601-бап

11-ай

28а Андан сырткары, айтарыбыз: уйгурлар багындырылганына байланыштуу, ар бир шаардын бегине кезек менен кабыл алуу каадасына келип, өзүн тааныштырышка буйрук берилүүгө тийиш. Салтанатка бэйлэ Ходжасы (Ходис), гун Кайдамата (Гэдаймотэ), хаким-бектер менен хошкэ-бектер бүт келиши керек. Калгандары кабыл алуу каадасына жыл башынан тартып кезек менен келиш үчүн үч топко бөлүштүрүлсүн. Мурда бэйцзы (бий) Одуй, гун Ашмотэ кайтаруу астында ички (аймактарга) көчүрүлгөн эле; уйгурлар менен иш бүткөрүлгөндөн кийин, (учурдан пайдаланып) борборго келишти. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Анжиян атырабындагы каратегин деген бурут уруусунун улугу Надирмат иниси Бекболотту жиберди. Ал: «Менин агам 1500 түтүн үй-бүлөгө башчылык кылат; Куту-кожо 500 түтүндү башкарат; кабыл алуу каадасына келишке уруксат сурайм»,– деп айтты. Мен кыпчак бийи Аким (Ациму) менен бирге келишсин деп айттырдым.

604-бап

Цяньлун, 25-жыл (1760), 1-ай

14а <…> Кокон, Бадахшан, Чериктер, Болор кабыл алуу каадасына өкүлдөрүн жиберишти.

606-бап

2-ай

17б Аскер кеңешинин министрлерине Императордун жарлыгы.

Агуй маалымдагандай, Илидеги аскер конуштарына быйыл адегенде 500 жоокер жана 300 уйгур үй-бүлөсү жөнөтүлмөк болгон. Азыр Ян Ин-цзюй менен жолугушууда цзянцзюнь жагдайга жараша 4–5 миң жоокер жана миң уйгур үй-бүлөсүн жибергени жатканын уктук. Арийне, Аксулук уйгурлар даяр турушат, ал эми Курли жана башка жерлерден кимдер жөнөтүлөрү али чечиле элек. Ян Ин-цзюй Яркендге келгенден кийин, Шухэдэ экөө чогуу чечишет.

18а Мурунку кезде Илиде жуңгарлардын ички аймактары болгон; бөтөнчө аярлык менен чек салып, ажыратып бөлөбүз, ал эми дыйканчылыкты болсо, калыбына келтирүү кажет. Азыр эми бу жерлер биздин аймактын курамына кирди; аскер конуштарына жоокерлерди жайгаштырбасак, жакын арадагы казактар менен буруттар ыңгайдан пайдаланып жайыт кылып алышса, кууп чыгышыбыз кыйын болуп калат. Дачэнь бир чечимге келип, талап кылынгандай жайгаштырууга тийиш. Арты-кийин кандай болорун аңдабай, өз милдетине шалакы мамиле жасаш жана эртелеп эле кайтышты ойлой бериш жарабайт. Аскердик-жер өздөштүрүү конуштарын бара-бара кеңите бериш зарыл деп ойлойбуз. Баштапкы чечимге ылайык, быйыл 500 жоокер жана 300 уйгур үй-бүлөсүн жөнөтөбүз. Же болбосо мунун баарын токтотуп, эмки жылга калтырабыз. Ага дейре жоокерлерибиз дем алып, ал эми уйгурлар болсо, акырындап оокат-кечесин оңоп алышат. Андан сырткары, кошумча көчүрүлчүлөрдүн саны улам барган сайын көбөйө берет деген ойдобуз. Бул иш боюнча жоопкерчиликти биз Шухэдэге жүктөгөнбүз.

18б Ал, арийне, жоокерлерди пайдаланыштан коркуп жатат; а ишти бир жаңсыл чечиште кунт коюп аракет кылууда. Күч-аракетин жумшаса, өзү эле аткарып кетишине биз терең ишенебиз. Ушу тапта ишти жайгаштырышка жардам беришке жөнө деп, Синьчжуга буйрук кылганыбыз менен ал Шухэдэ кандай аракет жасап жатканын көзөмөлдөп тим болдубу, же өзү чындап кириштиби, аныктагын билбей турабыз. Эгер ойдогудай орундаган болсо, аны алмаштырышка уруксат этебиз. Азыр ишти кандай жүргүзүштү чечүү зарыл. Ал мурда биздин буйругубузга ылайык көп уйгур жоокерлерин жөнөткөнүн жана кайык менен эгин ташып жеткиргенин кабарлаган. Эмне үчүн эмгиче жооп билдирген маалымат жок?

Императордун жарлыгы жалпы бардыгына жарыя кылынсын.

606-бап

Бурут Ачжибуга, болор Шахушамотэге, черик уруусунан Чорматута багышталган жарлыкта мындай делет: «Силер алыскы чегарада турсаңар да, арийне, даңазалуу аскерибиз уйгурларды тынчытканын уксаңар керек. Бадахшан кесептин сөөгүн жиберип, (биздин) дөөлөткө чын ыкыластан умтулууда. (Силер) кабыл алуу каадасына өкүл жөнөттүңөр; мунуңар абдан дурус. Ушу кезде келген өкүл борборго жакшы жетип алды. Мен кайырымды арттырып, кабыл алдым; бир нече ирет сый тамакка чакырдым. Ага жибек, фарфор тартууладым; таазим этип алды. Ошондой эле келген өкүлгө жана аны менен кошо жүргөндөргө көйнөк-көчөк, баш кийим, идиш-аяк, күмүш-зер белек кылдым.

Эки журт тең мурда жуңгарлар тарабынан чабылып чачылгансыңар. Азыр биздин букарасыңар, андыктан, албетте, кайырыбызды көбөйтүп, көмөк көрсөтөбүз; а силер болсо, өз журтуңарды тыясыңар. Түбөлүк чексиз бакытка балкыйсыңар. Силердин жаңыдан алмашылып, кабыл алуу каадасына келген өкүлүңөрдүн ал-акыбалы баары жайында. Ачыгын айтсак, (силерди) ого бетер жактырып калдык, аны жакшы билесиңер».

613-бап

Цяньлун, 25-жыл (1760), 5-ай

14б Тарбагатай жана башка жерлер мурда жуңгарлардын конуш журту болгон; мен кубаттуу аскерим менен тынчыткамын. Силер – казактар, буруттар, Ташкен, Анжиян, Бадахшан – баарыңар чын ыкыластан баш ийгенсиңер. Казактар, силердин өрүш жерлериңер өтө кенен, алардын эски чектерин сакташ керек.

15а Башаламан көчүп-коно бериш жарабайт. Силер мага букарабыз десеңер, көчүп-конуп чектен өтө берсеңер; буруттар дагы менин букараларым, демек, ар бири конуш жайыт сурайт. Даңктуу аскерибиз караткан жерлерди бүт баарысына кармата бергенде, кандай болот.

Азыркы учурда ички чөлкөмдөрдөн Илиге байыр алдырышка офицерлер менен жоокерлер үзгүлтүксүз көчүрүлүп жатат. Аблай, сен башта акидей асылып, Тарбагатайды жайлашка уруксат сурадың эле; мен уруксат берген эмесмин. Азыр эми ээнбаштык кылып, ары-бери көчүп-коно бергениңер кандай. Айтса-айтпаса, мурда күчкө салып, жуңгарлар ээлеп алышкан эле, а силер анда алардын чегине башбагышка да батынчу эмессиңер. Мен Илини багындырдым; ар ким өз ишин жасап, тынч-аман жашаса болот, а бирок ага алымсынып, топук кылыш али сезилбей жатат. Илидеги ал чегара чөлкөмүнө атказылган цзянцзюнь менен дачэнь кыдырып текшерип чыгышка жоокерлерди такай жиберип турушат.

15б Силердин кишилер көч үп кирип алышканын кокус көрүп калышчу болсо, же кууп чыгышат, же мына эмесе деп, туткун кылышат. Керинче, мен силерди тынчыткан кезде, өрүш жайытыңарды тарытайын же тартып алайын деген ниет дегеле болгон эмес. Баш ийгениңерге бир жыл болуп калды; бардыгы бой сунуп турушат. Силерге караштуу кээ бир белгисиз кишилер конушка тымызын кирип кетишкен; эски журтуңарга кайткыла деп, аларга ачык айтып эскертиш керек; чын ыкыласыңарды ошондо көрөбүз.

Жаңы келген өкүлүңөр силердин журтту буруттар кантип карактап кеткенин терип-тепчип айтып берди. Чамасы, кунун кубалап алышка каруу-күч сурачудай түрү бар. Мен Асман асты, жер үстүнүн эгесимин; сырттагы жапайылардын баарысына тең тегиз карайм. Эгер заңмыйзамдарды сактабасаңар, атургай кылмыш кылсаңар, анда сөз жок, жазасын беришке аскер атказабыз. Кокус тигилериңер да, бөлөгүңөр да кичине эле бир араздык же каракчылык жасаса, тийиштүү чарасын көрүп, андайды өзүңөр жоюшка милдеттүүсүңөр.

16а Бир гана тараптын тилине кирип, дароо аскер аттандырганда болчу беле! Кезинде Бадахшандын султаншахы козголоңчу-уйгурду колго түшүрүп, келдесин кесип жиберген эле; ал кызматы үчүн (аны) ыраазы кылганбыз. Ошондон улам коңшу журтту жоготушка каруу-күч сурап жатат. Мен эч качан уруксат этпейм, муну силер дагы билип коюшуңар керек. Эгер мен силерге көмөк көрсөтүшкө жоокерлерди жиберсем, буруттар дагы каруу-күч сурап келишет; эмне, аларга да беришке тийишпизби? Кээде чегара чөлкөмүндө каракчылык жасалган учурлар болуп калат. Андайда тигилердин да, калгандарынын да кол астындагыларды азгантай пайданын айынан достукка доо келтирбесеңерчи деп, эскертип койсо болот да. Бейпил жашаш үчүн мындан өткөн арга жок. Буруттардан өкүл келгенде, мен муну ага да айтам.

Дагы бир айта кетчү нерсе, башта силердин журтуңардан чыгышкан айрым соодагерлер ички (Кытайдан) алып келинген товарлар соода-сатыкка жараксыз, сапаты начар, баасы кымбат деп даттанышты эле. Силердин элижуртуңар үчүн ички чөлкөмдөрдөн товар алыш кы йын экенин ойлоп, ошо себептен улам Үрүмчүдө соода-сатыкты кызыталы дегенбиз.

16б Ошондуктан, силерге күндөлүк тиргиликке зарыл товарларды сатышты көбөйтүү шарты менен, алыска каттап, соода кыла турган көпөстөрдү жалдаганбыз. Айрым соодагерлер жакшы сапатты толук камсыз кылалбайт; сапаттуу (товарларды) сатып келишке буйрук кылабыз; демек, баары жайында болот. Ал эми баа-наркка келсек, ал соодалашкан адамдарга байланыштуу боло турган нерсе. Андыктан, арзанбы же кымбатпы деп, товардын эсеп-чотун алыш зарылдыкка жараша болушу керек жана да аны расмий түрдө азайтыш ыңгайсыз. А балким, тигилери да, башкалары да каалашпас, айтор, бири-бирин кысташ дагы кы йын иш.

615-бап

Цяньлун, 25-жыл (1760), 6-ай

17а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Чыгыш Түркстан багындырылды; уйгурлардын ар уруу-журтунан башта соода-сатык кылышка Яркендге адамдар көп келишчү. Хаймин мурда кабарлагандай, соода жүргүзүшкө уруксат сурашып, балэти уруусунан киши жиберишиптир. Соода-сатыкка аларга уруксат эттик. Ошондой эле аларга мындай деп айттык: азыркы учурда Чыгыш Түркстан баш ийдирилгенине байланыштуу, казактар, буруттар, бадахшандыктар жана башка тайпа-журттар бүт бойдон улуу өкүмдардын букаралары болуп саналышат. Эгер силердин журтуңар (биздин) дөөлөткө чын дилден умтуларын айгинелеш үчүн өз улутун кабыл алуу каадасына жибергиси келсе, а тууралуу сөзсүз билдиребиз жана Синьчжуга буйрук беребиз, зарыл чараларды көрөбүз.

616-бап

7-ай

Яркенддеги баньши дутун шилан Хаймин маалымдайт: почта бекетинин кеңсесинен Бучжань кабар кылгандай, адегенде 9-күнү отун чогултуп жүрүшкөн 40тан ашуун уйгур пайда болду. Мен жоокерлер менен кошо болчумун; кол салышты. Анын айынан жаракат алгандар болду; мал-жандык жана азык-оокаттар таланып-тонолду. Кайтып келатып, ат-төөлөрдү кайтарып барыш үчүн Яркендге жиберилген жоокерлерге учурап калдык. Аларды дагы карактап кетишкенин айтышты. 60 жоокер топтоп, почта бекетиндегилерди кошуп алып, кесептерди кармашка дароо фудутун Фынъанды жөнөттүк. 11-күнү Яркенддин ишхан-беги Абдураим билдиргендей, козголоңчунун жиберген катында: «Ахун жолго чыкканын Ниязбек укту; анан 6-айдын башында, 5-күнү көтөрүлүш башталды»,– деп айтылыптыр. Амурсана деген неме 6-күнү Ушту алдык деп айттырып, чабаганчы чаптырыптыр. Бул кат-кабар пайцзу Абатэ аркылуу Ополго, Куртаримге, Яркендге жеткирилиптир. Кесептер эл ичине бүлүк салып жатканын текшерүү көрсөттү.

Азыр Алигунь менен Шухэдэде маалымат жок. 50дөй жоокер топтоп койдук; ланьюй шивэй Фучжута Фынъань менен чогуу аракет кылышка, жагдайды чалгындашка жана аскерди даярдык абалына келтирип, ат-төөлөрдү белендешке буйрук эттик. Эминь-кожо малайыңыз Янги-шаардагыларга сактык чараларын көрүштү, калааны коргошту жана буруттарды жоошутушту эскертип, кабар кылышка ишенчиликтүү киши жөнөттү. 616-бап

18а Императордун жарлыгы мындай: Алигунь азыр аскерди баштап, кесептердин артынан сая түшүп кууп баратат; кармайт деген ойдобуз. (Козголоңчулар) кокус качып кетишкен болсо, сөз жок, буруттардын конуш журттарын карай багыт алышары бышык. Сары изине чөп салып, тынбай кууганда, капкачан колго түшүрм өксүңөр; түркстандыктарды жазалашка түк да шылтоо болмок эмес. Антсе да, мындан ары карата качкындар буруттарга барып баш калкалап чогулмай адатты тыюу зарыл. Кууп жетип, (козголоңчу кожолорду) колго түшүрүшкө күч үрөштү Шухэдэге табыштайбыз. Эгерде (алар) буруттарга кире качышкан болсо, анын пайда-зыянын ачык түшүндүрүп айтышка ким бирөөнү жөнөтөбүз. (Козголоңчуларды) кармап беришсе, сыйлык алышарын айтабыз. Кичине эле жаап-жашырышып, күнөөнү башкаларга оодара турган болушса, аскер атказып, аларга капыстан кол салабыз. Аскерибиздин күч-кубатын көрсөтөбүз. Ишке залал тийгизген чечкинсиздикке жол берилбесин.

617-бап

7-ай

Императордун жарлыгы.

Урту-Булак кароолунан Махачин кармалганын Фын На-сян кабарлады. Анын айтымында, буруттардын миңден ашуун түтүн үй-бүлөсү Ат-Башыга көчүп келип жайланышкан. Элют ланьюй шивэй Сэбутэнден сураштырсак, Ат-Башы башынан эле ойроттордун конуш журту дейт. Жуңгарлар тынчытылган соң, (алардын) мурунку өрүштөрү эми бүт бойдон биздин аймак болот. Буруттар (бизге) башта моюн сунушкан; алаңгазарлык кылып, чектен өтүп кетишкени кандай. (Биз) өзүбүз териштирип көрүп, (аларды) кууп чыгышыбыз зарыл.

Арийне, азыр Ходжасыдан сурасак, (ал) айтат, эзелтен эле бу жерди буруттар жайлап келишкен, жуңгарлар басып алышкан деп. Кубаттуу аскерибиз (жуңгарларды) тынчыткандан кийин буруттар көчүп келишип, (аерде) жашап турушканына 3–4 жыл аяк басыптыр. Чоо- жайын өзүбүз текшерип, аныкташка тийишпиз. Эгер жуңгарлардын мурунку жери болсо, анда сөзсүз кайта алабыз. Ачык далил келтире албасак, анда кубалабай койсок деле болот. Азырынча билмексен болуп туралы дагы, бир жыл өткөн соң түркстандык жоокерлерди кошумча түрдө жайлаштыралы. Анан жагдайга жараша аракет кылгыла. Балким, бу жер башынан эле жуңгарларга тийиштүү эместир? Анын үстүнө, Тэмурту-нор (Ысык-Көл) менен Барсхан ашуусунун сыртында экен.

Айтор, өзүңөр чечүүгө тийишсиңер. Бул өрүш-жайыттар жуңгарлардын жери, андан калса биздин чегара менен ирегелеш эмес ыраакта болгондуктан, кууп чыгабыз деп сүр көрсөтүп, аскер атказыштын анчалык зарылчылыгы жок. Императордун жарлыгы Шухэдэ менен Агуйга маалымдалсын.

620-бап

9-ай

Мамлекеттик кеңештин министрлерине талкуудан соң билдирилген маалымат.

Цаньцзань дачэнь Шухэдэ кабарлады: бүт бардык шаарлардагы почта бекеттеринде офицерлер менен жоокерлерге азык-түлүк жетишпейт. 3–4 айда кошумча кой айдап келишти сурайт. Күрүч ташып барышка чыгымдар азайтылды.

Хамидеги, Кучадагы жана башка жерлердеги ал-акыбалды текшерип чыктым: 40 миң баш ашуун чамасында кой калган. Үрүмчүгө 20 миң, Илиге 10 миң (баш кой) жөнөтөлү, 5 миңин Кучага, Сайрамга, Байга калтыралы, 10 миңден көбүрөөгүн Аксуга айдап жеткирели, офицерлер менен жоокерлерди азык-оокат жана айлык-акча жагынан жабдышты жакшырталы деп ойлогонбуз. Халхадагы мал базар жөнүндө айтсак, сатыкка деген жандык койлор адегенде Баркөлдө топтолот. Үрүмчүдөн Илиге жөнөтүлөт. Буруттарга келсек, колдорунда койлору бар; аларды адатта Кашкарга айдап келип соодалашат, бирок уйгурлар биринен бири озунуп, эч калтырбай сатып алып кетишет. Баалары өтө кымбат; күтө турушту сурайбыз; качан баалар калыбына келген кезде, кайрадан талаптагыдай кылып аткарабыз.

Өтүнүчтү орундоо зарыл.

11б Цаньцзань дачэнь Шухэдэ билдирди: мен хакимбектин бошогон кызмат орду саныпи дачэнь Ацимуга (Акимге) берилсин деген буйрук алдым. Арийне, азыр ар бир уйгур шаарында хаким-бек мансабын ээлеген адамдар бар. Ациму (Аким) бурут; адам менен анын орду бири-бирине төп келиш үчүн бош мансап кызматы уйгур шаарына жакын чөлкөмдө болушу керек. Алагуда азырынча хаким-бек жок экенин текшерүү көрсөттү. Ал бош кызмат ордун Ацимуга (Акимге) беришти сурайбыз. Ошондо сыртта буруттарга каршы чара көрүшкө, а ичкериде Асытэнди, Алатушту жана башка жерлерди тынчытышка мүмкүндүк болот.

Алган соң, өтүнүчкө ылайык аткарылсын.

625-бап

Цяньлун, 25-жыл (1760), 11-ай 12б Императордун дагы бир буйругу.

Хаймин кабарлагандай, буруттардын чоң багыш уруусунун чок белгисине жана 5-даражадагы ботокурга ээ болгон Авалэ-бийи борбордо кабыл алуу каадасына катышып, журтуна кайтып кетти. Кол астындагылары Анжияндыктардын товарларын тартып алышканын угуп, текшериптериштирген соң, жылкылары менен кумуш-зерлерин кайтарып берди. А бирок Анжияндыктар күмүш-зерлерибиз менен жылкыларыбыздан дагы жетпегени бар дешип, каршы болуп жатышат. Андыктан талап кылынгандай аткарып, жыйынтыгын билдиришке Авалэ-бийге буйрук эттик. Сый-сыяпатыбызга жана тартуулаган белек-бечкектерибизге ыраазы болгон Авалэ-бий, тонолгон буюмдарды коңшуларынан таптырып берди; мунусу абдан жакшы иш болду. Аны эки түрмөк жибек менен сыйладык.

13а Анжияндыктарды айтсак, алар биздин букараларыбыз. Албай калган күмүш-зерлери жана жылкылары бар болсо, дагы бир ирет иликтеп көрүп, төлөтүп берүү зарыл. Болбосо, андай эмес экен деп Авалэ-бийге айтып коюш керек. Жакшылап териштиргиле жана мыйзамды сактагыла; алдашка жол бербегиле. Бирок да, Анжияндыктардын атырабында буруттардын ар уруу тайпа-журттары эң эле көп. Алардын журттарында кесептер болбосун; ушуга жакшылап көз салгыла. Эмне үчүн эле бүт баарына чоң багыштар жоопкер болуп калыш керек, муну өзүңөр териштирип көргүлө.

Кароолдордон сырттагы буруттардын жайын айтсак, кокус бири-бирин талап-тоноп атышканын айтып, даттанып келишсе, азыркыдай кылыштын анчалык кажети жок. Мындай деп айтуу керек: силер чегарадан сыртта чачкын жашайсыңар; каракчылык жасасаңар, бири-бириңе кылып жатасыңар. Биздин териштире турган жөнүбүз жок. Силер мындай жорук-жосунду эски адатыңарча эзелтен жасап келесиңер. Ар кимиңерге өз-өзүнчө эскертебиз, анан ким эмне кыянаттык кылса, ошого жараша жазасын тартат.

Бүт бардыгы буйрук менен маалымдалсын.

628-бап

Цяньлун, 26-жыл (1761), 1-ай

Кашкардагы баньши дутун шилан Хай Мин билдирди: качып жүргөн кылмышкер Улангэнин үй-бүлөсүнөн 7 кишини колго түшүргөнүбүздү мен мурда маалымдаган элем. Андан соң Гуань Чан-баого кат жолдоп, Улангэни кармашка катуу буйрук кылдык. Кабарга караганда, 11-айдын 30у күнү (ал) чоң багыштар турушкан Коукэрлин ашуусун карай качып, адам баргыс аска-зоого жашынган. Гуань Чан-бао бурут ланьлин шивэй Мэнгулэ жана уйгур Хэйэрту болуп чогуу тоого чыгышып, 15 тууганын кошуп Улангэни колго түшүрүштү.

Айтканына караганда, мурда Ходжасынын (Ходистин) үй иштерин башкарып келген; азыр анын туугануруктарын борборго айдап кетишкенин эшитип, үй-бүлөсү менен качып жөнөгөн. Улангэни сакчылардын кайтаруусу астында Аксута айдаштан тышкары, бу сапар кармалган качкын уйгур офицерлеринин жана жоокерлеринин тизмеси дыкаттык менен түзүлүп жиберилсин.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Гуань Чан-бао мурда күнөө кылган; негизи жаза тартууга тийиш, бирок убактынча кызматтан бошоттук. Бу сапар качкындарды кармап, ынтаа көрсөттү. Кайрымдуулук кылып, ланьлин шивэй ченин ыйгардык.

Чоң багыштын Авалэ-бийи абдан берилип кызмат кылууда, өзүнчө жибек кездеме тартууладык.

13а Кашкардагы баньши дутун шилан Хай Мин кабарлады.

Буга чейин Императордун Хазы-Мосо-кожо баш болгон кесептерди сөзсүз издеп таап, камагыла деген жарлыгын алышка арзыган элек.

13б Мен Мосо-кожо Коконду карай качканын, а уулу болсо буруттарда экенин аныктап билдим. Мосо-кожону туткундап жөнөткүн деп дароо Ирдана-бекке кат жолдодум. Бу сапар качкын Улангэнин дарегин иликтеп кармап келишке бурут Минилихеге Фу Хуну жибердим. Мосо-кожонун уулу Мамадисыхой, Нияз-кожонун чоң уулу Худайберди жана экинчи уулу Ашур каерде жашынып жүрүшкөнүн билгенден кийин шанбек Момодихой, цяньфынсяо Шуан Син-бао болуп дароо чогуу аттанып барып, Мамадисыхойду жана башка калгандарын бүт колго түшүрүштү.

Андан тышкары чоң багыш буруттарында турушкан уйгурлар, саяк жана сарыбагыш буруттарына соода кылганы барышканда, (аларды) каракташкан 30дан ашуун адамды көрүшкөнүн айтышты.

14а Мен изилдеп териштир деп Фу Хуга буйрук кылдым. Минилеха өзүнүн уулу Мамбетти атказды, ал (каракчылардын) башчысы Маркэ-байды, Шабату ж.б. шериктерин бүт колго түшүрдү.

Маркэ-бай миз бакпаган өжөр экен, (айыбын) түз эле моюнга алды. Уйгурлар бул ашынган каракчынын көзүн тазалашты көшөрө суранышты, ошондон улам анын башын кесип алып, көрүнөө жерге койдуруп койдук. А Шабатунун болсо, мусулман мыйзамы боюнча, колдорунун манжалары кыя чабылды. Таланган буюмдар бүт табылып, соодагерлер бардыгын кайрып алышты.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Фу Ху бул ирет качкын Улангэнин изине түшүп, камакка алганы, почта бекеттерин каракташкан кесептердин башчысы Мосо-кожонун уулу Мамадисыхой жана башкалары каякка жашынганын тапканы, офицерлерди, жоокерлерди, уйгурларды дароо алга жиберип, бардыгын кармаганы өтө дурус иш болду. Ошондуктан кайырыбызды арттырып, фудутун чжисянь ченин ыйгардык.

Андан ары Императордун жарлыгында мындай деп айтылат. Хай Мин маалымдагандай, шанбек Момодихой, Тогузкэлик мираб-бек Баба-кожо буруттарга барышта жол кире чыгымдарын өздөрү көтөрүшкөн. Фу Хута жол уусун көрсөтүп, коштоп жүрүшкөн.

Кишилердин көңүлүн тындырып, кесептерди издеп таап туткундашкан. Момодихой жан дили менен тырышып кызмат кылган. Мунусу макташка татырлык жорук. Жоомарттыгыбызды аябай эки түрмөк жибек тартуулайбыз. Бек мансап орду бошогондо, сөзсүз кызматтан көтөрүп дайындайбыз.

Дагы мындай деп билдиришти. Үстүбүздөгү жылдын

6-айында, Ваньламу тополоң баштаган убакта, чоң багыштын Умор-бийи өзү башында туруп, кол астындагылары менен анжияндык соодагерлерди каракташкан; малын, күмүш-зерин талап алып, из жашырып кетишкен.

Авалэ-бий борбордон кайтып келгендиктен, издеп таап туткундашты мен ага тапшырдым. Ушу тапта Умор-бий саяктарда деп угуп, анык-тагын айкындап билишке адам жөнөтүшкөнүн Фу Ху кабарлады. Айтымда, миң лан күмүш уурдашкан.

15а Авалэ-бий төлөп бергиле деп талап кылган 400 ландан тышкары, дагы 200 лан бар; калганын урукташтар ич ара бөлүп алышкан. Умор-бийдин үй-бүлөсүн Кашкарга жеткиздик. Андан соң мен буруттар бөлүп алышкан акчаларды өндүрүп келишке ишагэ-бек Абдраимди жибердим. Бул Умор-бий деген неме мурда, тополоң чактарда, кароолдордун чегинен сырт жактарда каракчылык кылып жүргөн. Маркэ-бай менен бирдей жаза тарттырганга, мунун айыбы бир аз башкачараак. Менин оюмча, Уморбийди мансабынан ажыратып, же Авалэ-бийдин, же кыпчак буруттарынын саныни дачэни Ацимунун (Акимдин) көзөмөлүнө тапшырсак жетиштүү болот.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Улуу өкүмдарлык буйрук.

Хай Мин кабарлагандай, анжияндык соодагерлердин товарларын талап-тоноп алган Маркэ-бай өлүм жазасына тартылды. Мурда анжияндыктарды карактаган Умор-бий тууралуу, анын жазыгы бир аз башкачараак, андыктан мансап даражасынан ажыратып, тийиштүү түрдө көзөмөлгө алыш керек деген сунушуңар натуура чечим. Чоңбагыштар Кашкарга баш ийишет, демек, жагдайлары сырттагы көз каранды мусулмандар менен бирдей эмес. Сый-сыяпат менен жазанын айырмасын так ажырата билиш керек; ошондо гана тийиштүү түрдө жазалашка жана сыйлашка болот. Айталы, маселен, Авалэ-бий чын ыкыласын билдирип, ынтаа көрсөтүп жатат, ошон үчүн урмат-сыйга татыктуу болууда. А Умор-бий болсо, тополоң-тоздон пайдаланып, каракчылык кылган, аны эл алдында өлүм жазасына тартуу кажет. Мансабынан ажыратып, көзөмөлгө коюш деген өтө эле ашыкча кечирим кылгандыкка жатат. Ошо себептен Умор-бийди сакчылардын кайтаруусу астында борборго алып келишке кызматкер жиберилсин.

16а Императордун жарлыгында дагы мындай деп айтылат:

16б Хай мин уйгур иштери менен алектенип жатат; бирок көп нерселер али талаптагыдай жасала элек. Алсак, Одуй хакимдик мансапты жөндөп аткара албагандыгына байланыштуу, мурда Яркенддин беги ал кызматка Эминь-кожону дайындашты өтүнгөн эле. Өзү катуу карап, тийиштүү түрдө аракет жасашка, Шухэдэ менен акылдашышка тийиш болчу. Антиштин ордуна, олку-солку болуп маалымат билдирбей койгон; бул туура эмес. Мен бул адамдын мурдагы иштерин билем; андыктан экинчи ирет буйрук берип, азырынча мейличи деп койдум. Бу сапар дагы бир жолу аядык; бу Хай Мин дегендин эч бир берилип иштешке көңүлү жок.

Кашкар Анжиян жана башка шаарлар, бурут журттары жана башка аймактар менен карым-катнаш жасап турат. Бадахшан менен байланышта болгону менен, аларга караганда Яркенд кыйла эле ыраакта. Ал жердеги жагдай (биз үчүн) өтө маанилүү. Баныпи дачэнь ишти ойдогудай жүргүзүп кете ала турган эстүү-баштуу жана чечкиндүү киши табышы керек. Кашкардагы ишти жөндөп алып кетишке Хай Мин жарабайт. Азыр жөнөп барып, Шухэдэни алмаштырышка Юн Гуйга буйрук эттик. Бирок ал жетип, кызматты ээлеш үчүн бир нече ай талап кылынат. Шухэдэге Императордун Кашкарда иш жүргүзүшкө жөнөгүн деген буйругун берип жибердик. Хай Минге Аксуга барып, башкалар менен чогуу ынтымакта иштешке буйрук кылабыз. Белгилүү болгондой, Аксу азыр Илиге уйгурларды көчүрүп жайлаштыруу, ар кандай жүктөрдү ташып жеткирүү түйшүгү менен убара чегип жаткан убагы; бул анча кыйын жумуш эмес. Юн Гуй Кашкарга келгиче, Шухэдэ күн тартибиндеги демейки иштерди аткара берет; а жумушту өткөрүп бергенден кийин борборго кайтат.

Бүт бардыгы маалымдалсын.

629-бап

15а Мамлекеттик кеңештин министрлери билдиришет.

Хай Мин кабарлады: «Шухэдэ, Синьчжу жана Эминькожо Архунун хаким-беги бурут саныпи дачэнь Ацимуну (Акимди) Ташмиликке хаким-бек кылып дайындашты өтүнүп жатышат.

15б Буруттарды көзөмөлдөөчү хакимдин конуш журту азыр эң эле ыраакта болгондуктан, эки ишти айкалыштырып, (буруттарды) башкарышы кыйын болууда. Анын ордуна барып иш жүргүзүшкө инисин буйрук менен жөнөттүк. Мен көңүл коюп, изилдеп көрдүм. Ташмиликке эч кандай кан жол кетпейт экен. Ал эми Архуга болсо, быйылкы жылдын 8-айынан бери буруттардан, Турфандан, Уштан (Үч-Турфандан) алты ирет соодагерлер келишкен».

Эгер жагдай чын эле ал билдиргендей болсо, менин кол астымда туруп, мындан ары ишти Синьчжу менен Эминькожо жүргүзсүн деп, эмне үчүн кайра-кайра кашайып буйрук сурайт. Биз менен кеңешип иш кылса болбойт беле. Өкүмдардын буйругун жүгүнүп алдым; эми ага ылайык дурусу кайсы, бурушу кайсы – баарын таразалап көрүп, анан талкууга коём.

Ташмилик буруттарга коңшу аймак, а саныни дачэнь Ациму (Аким) бурут экенин Шухэдэ буга чейин Синьчжу менен акылдашканын көңүлгө алабыз.

16а Андан соң изди ызааттаган кызматкерлериңиз Чжао Хой менен Фу Дэ ак дилден аракет жасашты жана таазим этип, өкүмд ар дын жагымдуу жарлыгын алышты. Буруттарга ирегелеш аймактагы бошогон кызмат ордуна дайындоо жө нүндө Шухэдэ билдирген. Мында канча бурут келип-кетишинин эч бир тиешеси жок. Азыр эми Хай Мин Кашкардагы иштер менен алек болуп, а Синьчжу болсо, кеңешпей туруп маалымат билдиргенине байланыштуу, экөөнүн ортосунда сөзсүз пикир келишпестик чыкпай койбойт.

Андан тышкары, хакимди текшериш, чамасы, курулай шектениш, чатак чыгабы деп чочулайм.

Арийне, өкүмдар маселенин маңызын аңдап түшүндү; андыктан убактынча Кашкарга барып иштеп Юн Гуй качан аны алмаштырганча күтө тур деп Шухэдэге буйрук кылды. Хай Мин Аксуга жөнөтүлүп жатат. Мындан ары иштин пайдасын ойлоп, кымындай да тартип бузушка жол койбошун эскертип, аталган баньши дачэнге буйрук жолдош зарыл деп эсептейм.

16б Көрсөтмө алганда тийиштүү түрдө чечебиз. Хай Минге катуу сөгүш берилет.

17а Яркенддеги баньши дутун Синьчжу маалымдады: Яркендде менен Хотанда дачэндер, офицерлер жана жоокерлер – бардыгы болуп 2547 адам; жашылча жана туз алганга 44800 ландан ашыгыраак күмүш, тамак-ашка 14217ден көбүрөөк лан талап кылынат. Яркендде салык пул, цянь, вэнь менен төлөнөт; баарын чогултканда 33600 теңгеге барабар; аштык 2800 батман. Мамлекетке караштуу жерден алынуучу салык – 1 миңден ашыгыраак батман.

17б Хотанда чыгашадан тышкары акча салыгы 9025 теңгеге, аштык 1500 батманга барабар. Дүңүнөн эсептегенде, эки шаардан түшүүчү акча салыгы күмүш түрүндө 30400 ланды түзөт. Туз, жашылча, күмүш беришке 14300 лан жетишсиз; эки шаардан алынуучу аштык – бар болгону 5800 батмандан ашыгыраак. Бир батман 5 лан 3 доуга барабар; чогулуп келип 30740 ланды түзүүдө; аскерди жабдыгандан калганы 16520дан бир аз көбүрөөк лан болууда. Күмүштүн кенемтесин базар баасына жараша толуктаса болот. Андан башка, эгер дагы көрөңгө болсо, аны каруу-жаракты толукташка сарп кылыш мүмкүнчүлүгү бар. Эске салабыз. (Бу жерде шилтеме берилген: Лан – 37,301г; пул – Чыгыш Түркстандын жез тыйыны. Аймакты каратып алгандан кийинки алгачкы жылдарда цин бийликтери салмагы 2 цянга барабар пулдарды чыгарышкан. 1771-жылдан тартып пулдун салмагы 1 цянь 5 фэнге дейре азайтылган; цянь – 3,7301г; фэнь – 0,373 г; вэнь-чох, б.а., «жез тыйын», «чака тыйын», «тыйын»; чох – Кытай менен Жуңгариянын өзүндө «жез тыйын» дегенди билдирет. Илидеги акча жасоочу жайдан чыгарылган 1 чохтун салмагы 1 цянь 2 фэнди түзгөн; батман – Кашкардагы көлөм өлчөмү. Ал учурда батман 640 цзинге барабар болгон; цзинь – 596,816г; лан – 103,5469г; доу – 10,3547г. 1760-жылдан баштап батман менен доунун салыштырма салмагы өзгөртүлгөн: 1 батман 5 лан 3 доуну түзгөн).

630-бап

2-ай

13а Цаньцзань дачэнь Шухэдэ билдирди. Тапшырмага ылайык, Мамлекеттик кеңештин министрлери Түндүк жолундагы (Бэйлу) кароолдорду кыдырып, конуштардагы тандамал аскерди текшерип чыгышты. 23 адамды кыскартып кетиришти. Ушу мисалдын негизинде тандамал аскердеги дачэндердин арасынан кишилерди иргеп алып, кезек менен Илиге, Аксуга, Яркендге жиберип турушка буйрук кылышты. Жолдо сыркоолоп калышкан эки кишиден тышкары, 21 манжуунун ичинен 6 адам Илиге, Аксуга – 6 адам, Яркендге – 6 адам жөнөтүлгөнү жатат. Текшериш үчүн Кашкарга дагы 3 шивэй (офицер) атказыш керек. Кызматта турушкан улгайган офицерлерге келсек, аларды кезеги менен алмаштыруу кажет экенин маалымдайбыз. 18а Дутун шилан Хай Мин кабарлайт:

18б 1760-жылдын 7-айынан 1761-жылдын 6-айына чейинки жүргүзүлг өн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эки шаарда – Кашкар менен Янги-Гиссарда бардыгы болуп 2200 адам: дачэндер, офицерлер (шивэйлер), жоокерлер, почта бекеттеринде иштешкен тилмечтер жана уйгурлар бар. Тузга, жашылчага, күмүшкө муктаждык – 35700дөн ашыгыраак ланды, ар кайсы түрдөгү аштыкка муктаждык – 13140тан көбүрөөк ланды түзөт. 36400 теңге өлчөмүндөгү негизги акча жыйымы 26000 миң ланга барабар. Азырынча 9700 ландан ашык күмүш жетишпейт. Эгин түрүндө жана казыналык жерден түшкөн салык бардыгы болуп 26500дөн ашык ланды түзгөн. Жалпы сарп кылынгандан тышкары, 12360тан көбүрөөк лан наркына барабар эгин калат. Буга пахта, боёк алынуучу сафлор жыйымын кошобуз, акча менен эсептегенде 28920дан ашык теңге, күмүш менен 20600дөн көбүрөөк лан болот.

19а Эки шаар өндүргөн өнүм жалпы пайдаланганга жетиштүү, атургай артып да калат, башка шаарларга каралашса болот. Эске салабыз.

632-бап

Цяньлун, 26-жыл (1761), 3-ай

Аскер кеңешинин министрлери билдиришет: Яркеңддеги баньши дутун Синьчжунун айтымында, Яркенд – Чыгыш Түркстандагы шаар. Ал жерде бардыгы болуп 27 шаар жана айыл- кыштак бар. Андан сырткары Ооган (?, 113-бет.), бурут, Кокон, Маргалаң, Болор бектери жана башкалар, иши чыкканда биз менен акылдашканга өз адамдарын жиберип турушат. Тибеттик жана Анжияндык көпөстөр кыйма-чийме катташып, булуттай самсышат; саякаттап жүргөндөр андан көп.

Азыр отурук калк аралаш жашайт; алардын арасында чыккынчылар менен каракчылар жашынып жүрүшөбү деп чочуйбуз. Ушундан улам Хамиде жана Турфанда бао цзя тартибин киргизишти сурайм. Мурда Аньсиде, Турфанда жана башка сырттагы Түркстан чөлкөмдөрүндө андай тартипти орнотуп көргөнбүз. Аны ичкеридеги жакыңкы аймактардан оңой эле көчүрүп өздөштүрсө болот. Учурда Яркенд, Кашкар жана башка шаарлар – булар жаңы каратылган чөлкөмдөр. Ички аймактардагыдай бао цзя тартибин киргизсек, акыр-аягы кандай болор экен. Түркстандыктардын маанайын айкаштырып жергилик жагдай-шарттарды жакшылап баамдаш зарыл; ошондо ишибиз оңунан чыгат.

Азыркы учурда Чыгыш Түркстан иштерин жалпы жонунан Шухэдэ билдирип жатат. Ишти ойдогудай орундашка бүт болгон күч-аракетин жумшап Синьчжу жана Эминь-кожо менен кызматташышка, ошондой эле, баарын төкпөй-чачпай баяндап билдирип турушка буйрук кылышты сурайбыз.

21а Мамлекеттик кеңештин министрлерине жарлык.

Хай Мин кабарлагандай, Боронидунун (Бурхан адДиндин);

21б Айши Ахэчанын уулу Сарымсакты таап, аны эмчек энесин жана тарбиячы-уйгур Болот-сопуну борборго жөнөтүшкөн. Сарымсак али бала; аны (бул ишке) чатыштырып, борборго жибериштин кереги жок; ырайым кылып, таалим-тарбиясына жардам кылабыз. А Болотсопуну болсо, мурунку кожоюнунун уулун тарбиялашка калтырабыз. Аны да аяп коюппу сурайбыз, баары мыйзам боюнча болот.

А бирок Боронидунун эки уулу бар экени маалым; балким, уйгурлардын арасына бекиндирип коюшкандыр; муну аныкташ дагы кыйын болуп жатат. Юн Гуйга айткыла, Сарымсак тарбиялашка калтырылып атканын Түркстан калкына кабарласын; күч-аракетин үрөп, башка чоң уулун издеп тапсын; а энеси, мейли, жашынып жүрө берсин.

658-бап

3-ай

10б Яркенддеги баныпи дутун Синьчжу маалымдагандай, Яркендде жаңы акча, бардыгы болуп 103 миңден ашык теңге согуп чыгарылган. Барган сайын пул жетишпей баратат; жаңы акчаны санына жараша алмаштырышканы менен азырынча анча жакшы жүгүртүлбөй жатат. Илиге казактарга алып барып айырбашташ үчүн болотнайга канча салык салса болорун аныктап, чечиш маселесин Агуй акылдашты. Яркендде анын баасы абдан арзан экени белгилүү. Болжол менен 40 миң теңгеге 40–50 миң түрмөк сатып алса болот. Күмүш баасында эсептегенде, ар бир түрмөк – 1 лан турат, демек, киреше эки эсе көбөйөт. Мунун натыйжасында, өлкөнүн ич арасында ары-бери ташууга кеткен чыгымдар гана үнөмдөлбөстөн, ошондой эле акчаны жүгүртүшкө да жакшы шарт түзүлөт.

Бул ишке бардык бектер өтө милдеттүү. Эске салабыз.

13а Илэту билдирет.

13б Аксайда үч акалакчы жана өзүнө караштуу эки жүз түтүн үй-бүлө менен көчүп жүргөн бурут Имурат-бий Ясай конуш жайытын карай жер оодарып кетти. Бул (алар үчүн) бөлүнгөн жер (чегине) туура келбегендиктен, кат жүзүндө көрсөтмө жибердик. Күзгү орум-жыйымдан кийин кайра кайтышка буйрук кылдык. Буруттар көрсөтүлгөн жер чектерин көзгө илбей, өз билгендериндей көчүп-конуп жүрүшөт. Мындай жорук, албетте, жарабайт. Бирок бу макоолор суу менен чөптүн пайдасынан бөлөк эч нерсени ойлошпойт.

Императордун бу жолку жарлыгы ички аймактарга карата багытталган, жалпыга бүт жарыя салып, шек туудуруштун кажети жок. Анын үстүнө, Ясай Аксайдан бар болгону бир бекет аралыкта турат. Азыркы учурда (алардын) чеги учу-кыйырсыз жана иш жүзүндө эч тоскоол жок.

Буруттар менен мындан ары ишти бир жаңсыл жайгарыш жагы Юн Гуйга жана Илэтуга тапшырылсын. Аларды айрыкча катуу кармоо кажет, беймарал, тынч жашай беришсин. Сууга карап, көк кубалап, каалагандай көчүп-конушка болбойт, бирок, канткен менен алыс кетишкен жери жок, айтор, ишенбестик кылып, көп эле артынан түшө бериш жарабайт.

659-бап

4- ай

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Импе-

ратордун жарлыгы.

Агуй маалымдагандай, казактар менен кыргыздардан баш уруп келишкен элюттар Илиге жайгаштырылды. Алардын ичинде өз жанын өзү «багышка жарамдуу малдуулары арбын; калгандары негизинен колунда жоктор. Моюн сунуп келишкен элюттар тынч оокат кылсак дешет. Илиге байыр алышып, (алар) дыйканчылык кылыш жана мал асыраш жагынан абдан адис мээнеткеч экенин көрсөтүшүүдө.

Арийне, бир кыйла жайланышып калышты; эми бардыгын тартипке салыш керек. Жагдайга жараша азаздап каражат жагынан жардам бериш зарыл. Жер түшүм берип, мал төлдөгөн маалда көмөк көрсөтсө болот. Бүт бардыгына кайрым көрсөтөбүз: оокаты өп-чаптарга 1 ландан күмүш-зер тартуулайбыз. Кедей-кембагалдарга бодо мал үчүн 2 түрмөк кездеме, жаш жандык үчүн 1 түрмөк кездеме, андан тышкары, 1 лан күмүш-зер ыроолойбуз. Жер-жерлерден жыйылып келишкен элюттарды да кур кол калтырбайбыз. Ар бир башчысына тиешелүү түрдө бир түрмөктөн жибек белек кылабыз. Бу сапар биздин кайрымыбыз өзгөчө болот. Агуй жана башкалар муну түшүндүрүп маалымдашсын. Мындан ары карата дагы да шыктандырып, дагы да жакшыраак жашашты камсыз этишке буйрук кылабыз.

11б Мамлекеттик кеңештин министрлерине буйрук.

Уш шаары (Үч-Турфан) – буруттарга ирегелеш аймак. Анжияндыктар жана башкалар соода-сатык кылганы дамамат келип турушат, демек, иш абдан көп. Ушка жиберилген фудутун Су Чэн Юн Циндин ордуна барды. Су Чэн – бул ишке биринчи жолу чегилген адам; өзү жалгыз өтөсүнө чыгышы кыйын го дейм.

12а Азыр Кучада иш аз; болгон жумуштарды тескеп турушка Абао жетишет; андыктан Су Чэн менен бирдикте иш жүргү зүшкө Уш шаарына Тулэбинди жиберебиз.

660-бап 5- ай, 1761-ж.

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Мин Жуй ар бир шаарга канчадан манжуу жана солунь (Шежерлери жайгаштырылганын маалымдайт: Кашкарда – 210 адам; Яркенд менен Аксуда Янги-Гиссарда-ар биринде 140тан адам. Өз өзөк туусунан ыраактыгы манжуу жоокерлерин которуштуруу ыраатына баш-көз болушту кыйындатып жатат. Ар бир туу түбүндө тургандардын так саны – 150 адам. 600 манжуу жоокери жана 300 солунь жоокери бар деп эсептеп, анын ичинен Кашкарга – 200 манжуу жоокерин, 100 солунь жоокерин; Яркенд менен Аксунун ар бирине – 150 манжуу жоокерин, 50 солунь жоокерин;

Янги-нссарга – 100 манжуу, 100 солунь жоокерин оказышты сурайм. Мурда Юн Гуй ар бир шаарга жоокерлерди (чакан-чакан топ кылып) аз-аздан жөнөтчү эле; бул өтө эле көптүк кылат. Азыр эми аны менен Мин Жуйду салыштырып көрсөк, билдирген ой-пикирлери бүдөмүк. Бул офицерлер менен жоокерлер өз шаарларында толук жайгаштырылган эмес. Ошондой эле почта бекеттери менен кароолдорго жиберилгендери да бар. Аз-аздан толуктоо жиберишке буйрук кылабыз, муну аткарса болот. Буйрукту Мин Жуйга тапшырып койгула; бардыгын талкуулап, бир пикирге келсин; көп эле көгөрө бериштин кажети жок.

663-бап

5- ай

Андан тышкары, Императордун жарлыгында мындай деп айтылат.

Юн Цин билдиргендей, бурут Черикчинин журтунан соода-сатык кылышка адамдар келишкен. Чегара түйүнүндөгү текшерүүгө караганда, үч чачма мылтык алып жүрүшүптүр. Иштерин бүткөрүп, жолго чыгышканда кайра текшеришсе, келгендеги алып жүрүшкөн буюмдарынан тышкары дагы 17 чачма мылтык, ошондой эле канжар, пахтанын үрөндөрү жана башка нерселер табылган. Куралжаракты алып калып, наркын төлөп беришкен. Уйгурлар менен коңшу аймактарда буруттар эзелтен эле бири-бири менен курал-жарак алмашып келишет. Алардын ич ара алака-мамилеси кандай? Ой-ниеттерин билиш мүмкүн эмес десек, демек, курал-жарак сатып алып жатышкан соң чыр-чатак чыгарыштары да ыктымал. Мындай иштер күдүк туудурат. Арийне, тыюу салыш кажетпи, же мунун башынан колдонулуп келген жол-жобосу да жок, айтор, эмне кылыш керек. Аксуда жана башка жерлерде жайлаштырылган дачэндерге кеңешип-кесип, текшериптериштирип, жыйынтыгын билдиришке буйрук берилсин.

664-бап

6- ай, 1761-ж.

16б Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

17а Юн Гуйдун кабарлашына караганда, буруттардын бийлери Маматкул жана Арзымат бириккен аскер күчү менен Ирданага чабуул жасаганы жатышат. Черикчи жана Темиржан менен сүйлөшүү жүргүзүшкө киши жөнөтүшкөн. Черикчи (аны) кайра жибербей, кармап калган. Сарыбагыш бийи Черикчи менен Темиржан – жаңы кошулган адамдар. Маматкул Ирдана менен согуш чыгаргысы келүүдө. Сүйлөшүү жолу менен аларды акылэске чакырып, тыюу кылышка адам атказдык. Коңшу журттардын тынч болгону жакшы.

Юн Гуй ар бирине бир түрмөктөн жибек тартуулаганы өтө эле аздык кылат. Черикчиге мурда (куштун) канаты жана 3-даражадагы чок белгиси тагылган баш кийим тартуулаганбыз. Жоомарттык кылып, дагы эки түрмөк жибек менен сыйладык. Темиржан да башта чок белгиси жана 5-даражадагы ботокур менен сыйланган. Марттыгыбызды көрсөтүп, дагы түстүү канат тартуу эттик.

17б Тартууланган жибек ошол жерлердеги артып калган түрмөк жибектерден берилиши керек. Юн Гуйга бул жарлыкты жетекчиликке алышка буйрук берилсин. Биз көрсөткөн сый-сыяпат туурасында Черикчиге жана башкаларга кабар кылынсын.

670-бап

9-ай, 1761-ж.

Кашкардагы баныпи шаншу Юн Гуй буруттар уйгур шаарларынан курал-жарак сатып алып жатышканын билдирди. Ар бир кароолдогу ар бир хакимге уруксат кагазга тизмесин тиркеп жазышты буйрук этиш зарыл. Жекече соода-сатык кылышканда өтө эле көп (куралжарак) алыша турган болсо, кармап калыш кажет. Эске салынсын.

23б Яркенддеги баныпи дутун Синьчжу 8-айдын башында 6-күнү Бадахшандык Мурат-бек соода-сатык иштери менен келип, мындай кабар айтканын маалымдады: Оогандын башчысы Ахмет-шах тартууга үйүр жылкы айдатып, өкүл атказды. Менин улугум Султан-шах дагы үйүр жылкы тартуусу менен өкүл жөнөттү. Менин улугумСултан-шах, ошондой эле аны менен бирге ордого өкүл жиберди. Эске салынсын.

674-бап

11-ай

17а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун буйругу.

Юн Гуй кабар кылгандай, Кокондун Ирдана-бегинин элчиси Бабашэк соодагер Шасаиттен анын 80 жылкысын буруттардын саруу уруусунун адамдары тийип, айдап кеткенин өз оозунан эшиткенин билдирген. Ошол эле замат барып текшерип келишке Кайдаматуга буйрук кылышкан. Алардын (саруулардын) улугу Шабату бу кабарды угуп, толугу менен таптырып, кайтарып берген. Буруттар бирибирин талап-тоной бермеги башынан боло жүргөн жорук. Шабату абдан сый-урмат менен мамиле жасады: текшерүү жүрүп, (уурдалган аттар) таптырыларын угар замат, тийиштүү чара көрдү. Көңүлүн алып, тиешелүү түрдө сыйлашка Юн Гуйга буйрук тапшырылсын. Кайдаматуга караштырып көрүп, бир жаңсыл Нришке тапшырма алды; ал дагы жакшылап аракет жасап, (кызматы өткөндөрдүн) бардыгына сый-сыяпат көрсөтө алат.

676-бап 12-ай, 1762-ж.

17а Андан ары Императордун жарлыгында мындай деп айтылат.

Юн Гуй билдиргендей, Кокондун Ирдана-беги өткөндөгү жагдайын кат жүзүндө баяндап, өкүлүн жөнөткөн.

Маселен, кушчу бурут Куват мурда Кашкардын акими, Ирдана тарабынан өлтүрүлгөн. Анын иниси Нарбото жакында биз тарапка өткөн, а жөнүндө билдиргенбиз жана жайгаштырышты өтүнгөнбүз. Эгерде Ирдана ушак таркатып, анысы кеп-сөзүнөн байкалат.

Дагы, маселен, Ош – бул буруттардын эзелки жери.

17б Ирдана аны өзүнүкү кылышка шылтоо таппай турат. Арийне, катта кайтаруу жөнүндө ой бар. Жооп катта өкүмдардын буйругу менен Томи туну жөнөтүшкө катуу буйрук кылдык. Кокус каршылык болчудай кырдаал туулса, жоокерлерди жортуулга даярдашты сурайбыз. Кокондун Ирдана-беги менен буруттар ирегелеш жашашат; ошондой эле кез-кезде бирин бири чаап, талап-тономойлору да бар. Өздөрү баш ийип беришкенден бери, канткен менен моюн сунуп турушат.

Бу баяндалган окуялардын бардыгы тең анчалык деле олуттуу мааниге ээ эмес. Юн Гуй сезимге жана мыйзамга таяп буйрук кылууда; өзү дагы сый болушу керек; аскер күчүн колдонбой койсо деле болот. Жоокер күчү керек болуп калган кезде, Юн Гуйга да аскер иши менен алектенишке туура келет. Аскерди баштап, чабуул койгон учурда Айлун менен Удай алдыда жүрүүгө тийиш. Алар Илиге атказылды. Юн Гуйга бул буйрук тапшырылсын: Ирдананын жообун күтүп, жагдайга жараша иш жасайбыз. 23а Императордун дагы бир жарлыгы.

Юн Гуй маалымдагандай, Кокондун Ирдана-бегинин жооп катында мурда жиберилген өкүл ал (Ирдана) хан атагына конгону жана Кашкар тоолорун чегара деп эсептээри жөнүндө урмат менен грамота тапшырганы айтылат.

23б Бул сандырак-Юн Гуй башта ага жолдогон катында өтө эле жылуу-жумшак кайрылганынан улам чыгып жаткан сыяктанат. Юн Гуйга Өкүмдардын буйругу тапшырылсын жана кайрадан кат жөнөтүлсүн; анда мындай деп катуу айтылсын: «Мурда жиберилген грамоталарда (сен) бек аталуучу элең; азыр эми эмне үчүн келесоолонуп, өзүңдү өзүң хан атагына кондуруп алдың? Же (сен) эмне, Кашкар тоолору чегара болот деген жарлыкка арзыган белең? Сенин каалаганың улуу өкүмдардын амирине көз каранды. Биз (сени) кабыл алуу каадасына катыштыра албайбыз, (бири-бирибизди) кантип түшүнсөк болот?»

Сырттагы жапайыларга тийиштүү иштердин бардыгы бизге атайын билдирилсин. Уу-дуу кептерди чыгарыш-бул эмне деген келжиректик! Мындан ары карата, келип түшкөн кат-кабарларда чын ыкыластан чыккан ызат-сыйлуу маалыматтар гана көңүлгө алынсын. Мурда орун алган жосунсуз жоруктарды кайрадан туурап, кыянаттуу кылмышка чейин жеткиришке жол берилбесин.

Каттагы кушчу жана мундуз уруусунун адамдары Ош жергесинде 9 кишини карактап кетишкени тууралуу кабарга келсек, беш кашкарлыктын буюм-тайымдары кайтарылып берилди. Төрт кокондуктун гана буюм-теримдери менен жылкылары али кайтарыла элек.

24а Буруттардан талап кылышты сурайбыз. Чын эле ушундай иш болгонбу же жокпу, текшерилип билдирилсин.

677-бап

Цяньлун, 27-жыл (1762), 12-ай

12б Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

13а Синьчжу билдиргендей, Бадахшандын Султаншахы элин баштап чыгып, болорлордун конуш журттарын чаап, талап-тоногон, чебин камалаган. Болор шахы Шамот кордукка чыдабай жардам сураган. Султан-шахты катуу айыпташка өкүл атказдым. Дагы мурдагыдай токтотуштан баш тартпай турган болсо, анда жоокерлерди аттандырып, жоопко чакыруу, иш жүргүзүшкө Эхуй-кожону калтыруу кажет. Бадахшан менен Болор баш ийишээрин билдиришкен; экөө тең биздин букараларыбыз. Султан-шах өз милдетин билбейт; эски кегин алышка шылтоо тапкан экен. Болор ошон үчүн ыза болуп, жардам сурап жатат. Кайдыгер болуп койгондо, калктын көңүлүн кантип табабыз? Моюн сунбаганы үчүн жазалай турган болсок, өзүбүз чабуулга өтүп, катыгын беришибиз керек. Арийне, Синьчжунун кол астында башында жакшы машыккан аскер болгон. Эминь-кожону айтсак, уйгурлардын жагдайын жакшы билет, демек, өзү чогуу аттанып чыгышка тийиш.

13б Яркендде Одуй бар; эмне үчүн иш жүргүзүшкө сөзсүз эле аны калтырыш керек; Бадахшанга жөнөтүлсүн. Аскер күчү талап кылынса, Яркендде офицерлер менен жоокерлер өтө аз. Айлун менен Удайды жакында Илиге атказып жибердик; миңден ашуун манжуу, чахар, солунь жоокерлери да ошол жакка жөнөтүлдү. Эгер бир канча жүз элют жоокерлерин ат-көлүк менен жабдып, Яркенддеги жана башка жерлердеги каруу-күчтөргө кошсо, үч миң аскерди баштап барып, ишти ийгиликтүү бүткөрүшкө болот.

Азыркы учурда Кокондун Ирданасы адигиненин конуш журттарын басып алган окуя болуп кетти. Бу чалкеш чатактын кыйынчылыгы канчалык экенин аныктап, тийиштүү чара көрүү зарыл. Синьчжу менен Эминь-кожо аскер иштерин башкарышка толук укуктуу. Айлун менен Удай аскерге башчылык кылышат; чабуул коюп талкалашат. Бардыгы бир пикирге келишип, ишти талаптагыдай чечишет. Бул буйрук, ошондой эле маалымат үчүн Мин Жуй менен Юн Гуйга да тапшырылсын.

17а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Юн Гуй билдиргендей, Кокондун Ирданасы адигиненин конуш журттарын басып алган. Маалкатып, кайра кайтарып бербечү болсо, күч менен жоопко чакыруу кажет. Синьчжу азыр Бадахшандагы ишти чечүүгө тийиш; Кокондогу ишти коё тур деш керек. Ошенткени дурус го. Анын кол астында болгону 7–8 күз жоокер бар; Илидеги офицерлер менен жоокерлерди жөнөтүү зарыл; ошондо ишти ийгиликтүү бүтүрөбүз. Арийне, сырттагы жапайылар бири-бири менен чабышып, көп чыр-чатак чыгарышат.

17б Аларды айыптап, эскертүү иретинде кат жөнөткүлө. Албетте, айтылган көрсөтмөлөр айныксыз аткарылууга тийиш. Алардын ичинен бүт бардыгын толугу менен ооздуктай албайбыз, бирок көпчүлүгү көнүшөт. Ошондой эле тийиштүү чара көрүлсүн. Аларда өкүмдардын амирине моюн сунуп, талап кылынгандай жорук-жосун тутуштан бөлөк жол жок. Өкүмдардын жарлыгы, ошондой эле Синьчжу менен Мин Жуйга да маалым далсын.

690-бап

Цяньлун, 28-жыл (1763), 7-ай

17б Аскер кеңешинин министрлерине Императордун жарлыгы.

Юн Гуй кабарлагандай, Чүйдө жашаган увак уруусунан чыккан акалак ш Янаши-байдын жаш курагы 70ке барып калган.

18а Уулу Айтуган менен кошо келип, мындай деп билдирген: «Мурда түркстандыктар аркылуу өткөн эмеспиз. Теңир жалгаган бийликтин кудуретин жана адилдигин сыйлагандыктан, ошондой эле шүгүрчүлүк, көзүбүз али тирүү болгондуктан, урмат-сыйыбызды күбөлөп коёлу деп келип калдык». Ошондой эле тартууга жылкы айдап келишкен экен, белек катары жибек берип, кайра узатып койдук.

Чүй, Талас, Шарабэль Илинин батыш жагында жайгашкан. Бу жер Таластын жанындагы Чүйбү же жокпу, билбейбиз. Эгер дал ошол жер болсо, анда ал башынан ойроттордун өрүш журту. Биздин аскер жуңгарларды тынчыткандан кийин (биз) жоокерлерибизди Илиге жайлаштырганбыз. А жерлер ээн-жайкын, андыктан, оң канат казактар менен буруттар ойроттордун өрүшүнө тымызын кирип алышып, малын жайып жүрүшпөсүн деп кооптонуп турабыз. Буга да ишенчилик жок.

Мурда Агуй менен Мин Жуй Тарбагатай тарапты түрө кыдырып текшеришчү, бирок Чүйдө жана (Балхашта) болушкан эмес.

Мин Жуйга өкүмдардын: «Жер-суусун жакшы билген ойротторду кошуп алып, кыдырып текшерип чыгышка Чүйгө, Таласка, Балхашка, Шарабэлге тийиштүү түрдө адам атказылсын» деген жарлыгын жиберебиз. Казактар менен буруттар мурункусундай чегара аркылуу өтүп, көчүп-коно берише турган болсо, алардын башчыларына ачык айтып, тез арада айдап чыгабыз. Алардын ички аймак тарга өз эркинче кире беришине жол коюш жарабайт. 691-бап

Цяньлун, 28-жыл (1763), 7-ай

24б Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Тулэбиньа билдиргендей, буруттар Уштун мал базарына жылкы жана кой айдап келишкен. Алардын арасында жүрүшкөн үч казак адамы башта Силасуда (Сарысу?) жайлашканын, азыр Чуму-норго көчүшкөнүн айтышкан.

25а Көрүнүп тургандай, казактар буруттар менен бирге Ушка (Үч-Турфанга) соода кылганы келишкен. Алар Ысык-Көлдөгү (Тэмурту-нор) конуш жайыттарга кирип алышпас бекен деп кабатыр болуп жатам.

Жакында Мин Жуйга Илинин батыш тарабына Чүйгө, Таласка жана башка жерлерге текшерүү жүргүзүшкө кишилерди жөнөтүшкө буйрук кылдык. Казактар менен буруттар уурданып ары-бери көчүп-конуп жүрүшкөн болсо, дароо кууп чыгыш керек. Азыр ошондой эле Тэмуртунорду (Ысык-Көлдү) сыдыра кыдырып, толугу менен текшерип чыгыш зарыл. Соода кылышка келишкен казактар көчүп өткөн жер ойроттордун чегинде болуп жүрбөсүн? Муну да сүрүштүрүп тактоо жана билдирүү кажет.

692-бап

Цяньлун, 28-жыл (1763), 8-ай

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Юн Гуй маалымдагандай, казактын Аблайы тартууга жылкы айдатып, өкүлүн жөнөткөн. Ал өзү менен кошо 90дон ашуун ат айдатып келген экен; сатышка уруксат эттик. Казактар мурда Илиге жана Өрүмчүгө барышчу, бирок соода-сатык иштери менен уйгурлардын жерине али келише элек эле. Ошондой эле алар буруттардын жана башка журттардын жерлери аркылуу Кашкарга келишчү анан, албетте, жол жүрүп баратып, каракчылык кылышчу. Ач көздөнүп пайданын артынан түшпөсө, ушунча узак жерге ары-бери жүрүшкө кантип макул болушсун? Азыр Илиде жана башка жерлерде жараган аттын базар баасы күмүш-зер эсебинде 3–4 ланга барабар, ал эми уйгурлар турган жерлерде, барыш-келиши бир канча күндүк жол болгондуктан, эки жана андан көп эсе кымбат. Соода-сатыктын бир кыйла кыскарып кетиши Илиде гана эмес, бөлөк жерлерде да чыр-чатак туудурушу мүмкүн.

Арийне, Аблай капкачан эле баш иерин билдирген; бу сапар ага (б.а., жиберген өкүлүнө) соода кылышка уруксат эттик. Мындан кийин алар дагы келише турган болушса, уйгурларга жекече соода-сатык жүргүзүшкө сөзсүз тыюу салыш керек. А бирок казыналык соода-сатык, Илиге жана башка жерлерге салыштырмалуу, баасы жагынан кыйла эле арзан; пайда табыш мүмкүн эмес. Эгер алар малын кайта айдап кеткилери келишсе, аны өздөрү билишсин. Анан аларга соода-сатык иштери менен мурда уйгур жерине келишпегенин, анын үстүнө, ал жакта жылкыны көп сатып алышарын айтуу зарыл. Төрт түлүк малдын бардык түрү Бадахшандан, Анжияндан, буруттардан сатып алынат; мындан ары алардын келишинин кажети жок. Соода-сатыкты ошентип пайдалуу кылсак болот; ошондо алыс барыштан алар өздөрү эле баш тартышат.

Кабардар кылыш үчүн бул буйрук, ошондой эле Илиге, Үрүмчүгө, ал жерде жайлашкан цзянцзюнь дачэнге да тапшырылсын.

710-бап

Цяньлун, 29-жыл (1764), 5-ай

Илидеги цзянцзюнь Мин Жуй билдирет: 4-айдын башында 10у күнү Нашитундун маалымдашы боюнча, Илиде 8 офицер жана жоокер чоң багыш буруттарынан зыянга учурады деген кабар жеткен. Текшерип көрдүк, офицерлер менен жоокерлердин жабыр тартышканы чын. Өзүбүз жоокерлерди жиберип, жазалашка тийиш болчубуз, бирок азыр андай жорук эч бир жок.

Илэту чегараны былтыр эле кыдырып көрүп келди. Чүй жергесине 3-даражадагы шивэй Пинтукуну жөнөткөнбүз. 10 жоокерди баштап аттанып чыгып, жолдо бир нече бурутка кез келишкен. Алар чахар жоокерлерин өлтүрмөк болушканда, Пинтуку озунуп, (аларды) токтотуп калган. Буруттар анын калпагындагы чок белгиси менен канатты көрө сала, аттарынан түшүшүп, баштарын төмөн ийе: «Казактар экен деп, чын эле жаңылып калыптырбыз.

Жазадан куткара көргүлө»,– дешип жалынышкан.

10а Чахар жоокерлери жапа чекпегендигине байланыштуу, анда аларды (б.а., буруттарды) кайра коё берип жиберишкен. Мен бул ишке анча маани берген эмесмин, ошондуктан али күнчө кабарлай элек болчумун.

15б Кашкардагы цаньцзань дачэнь Нашитун маалымдайт. Мен буга чейин Кокондун Ирданасы Ажы-бийди кармап камакка алып, өз колу менен Оштон салык жыйнаптыр деп угуп, чын-төгүнүн билишке ага (Ирданага) Акбек уйгурду атказган элем. Ирдана берип жиберген мазмуну катуу катыңарды урмат менен алдык; буруттардын бурмалаган сөздөрүнө ишене көрбөгүлө деп айттырып, Нурмат-бийди жөнөтүптүр.

Андан тышкары, алынган катта мындай деп айтылат: «Ажы-бий Оштун адамдары менен чатак мамиледе болгондуктан, жараштырайын деп, (мен, б. а., Ирдана – Г.С.) Оштук буруттарга баргамын. Анын үстүнө, алардын улугу жок экенин эске алып, жана да жайылып кетишпесин деген кооптон улам, араларында убактынча чогуу жашап турушка 50 үй-бүлөнү жибергемин. Мен өзүм бир пул да алган эмесмин». Ажы-бийдин билдирүүсүндө да ушу таризде сөз болгон.

16а Анан калса, Ирдана (кыргыздарга) шалы эгилген шалбааларын калтырганын, жиберилген 50 үй-бүлө да кайтып келгенин кабарлайбыз. Мен жаман оюмда, Ирдана (Оогандын) Ахмет-шахы менен сөз байлашып алганбы деп шек санайм, бирок анын түп жагдайын түкшүмөлдөп билиш кыйын. Азыркы учурда Акбек билдирген маалыматка караганда, Ахмет-шахты («кызыл-баштардын») Дайинынахы камалап алган, демек, омоктуу тиреги жок; анын үстүнө, биздин аскердин күч-кубатынан сестенет. Ырасында да, ой-сезимине жана кеп-сөзүнө караганда, (Ирдана) Оштогу шалы шалбааларын кайтарып берип, көчүрүлүп келген үй-бүлөлөр дү кайта алып кеткендей; чамасы, убактынча арыз-өтүнүчт өрдөн кутула турсак болчудай. Эске салабыз.

712-бап

6-ай

Императордун дагы бир жарлыгы.

Янсана маалымдагандай, офицерлер менен жоокерлер жабыр тартты деп, мурда буруттар каңырыш кабар билдирип коюшканын сарыбагыштардын бийи Черикчи буга дейре келип, мойнуна алган экен. Андыктан жалган кабар үчүн кандай жаза берилээрин айтып эскертип, айып тагып туруп, кетирип жибердик дейт.

Янсананын бу кылганы натуура болгон. Сырттагы тайпа-журттардын адамдары уккан-билгенин кабарлап турушат; жоош-момун келишет. Мындай жоруктары үчүн айыптасак, кийин көрүп-билип турушса да, коркконунан айтпай коюшат.

Бул ишке келсек, дегинкиси, аталган дачэндин башта таптырып келип, камакка алганы алды-кийинин аңдабаган алаңгазарлык болгон. Азыр эми Черикчини кайра дагы күнөөгө жыгып, жосунсуз жорук жасап жатат, ал эми айыптаган сөздөрдү айтууда болсо, сылыксыпаалыктан кур жалак экенин көрсөтүүдө.

Янсанага буйрук тапшырылсын. Оролу келгенде буйрук Черикчи менен Авалэ-бийге кабарлансын. Мурда алар жеткирген маалыматтар жөнүндө дайыма билдирилип, көрсөтмө берилип келген. А бу сапар биздин дачэнибиз кунт коюп текшерген эмес. Алар билдирген кабарлар маанисиз болсо да, канткен менен таптакыр эле пайдасыз эмес. Ушундан баштап, кабар түшүп калса, мейли, алар чын болобу же төгүнбү, баары бир билдирилип турсун. Ошентсек, буйрукту ачык аңдап түшүнүшмөкчү жана мунун баары алардын күмөнсүгөн шек-күдүгүн жой мокчу.

719-бап

9-ай

13б <…> Кокон атырабынан Кашкарга келишкен буруттар Нашитунга кат жеткиришти; жаңылыктарды угуп маалымдадык.

724-бап

12-ай

22а Императордун жарлыгы.

22а Казак журтун багыш жана богарстан буруттары карактап кеткенине байланыштуу Мин Жуйдан расмий иш кагаз алганын Нашитун кабарлайт. Дароо эле ар бир бурут уруусунун биз тарапка өткөнү тууралуу документтерди текшерип чыктым. Анын үстүнө аты-жөндөрү катталган тизме тиркелген кагаздарды жиберишпептир; сыя гы, оозеки айтышкан көрүнөт.

Мин Жуйдун маалыматына ылайык, жакында Нашитунга айрыкча кунт коюп чалгын чалышка буйрук кылдык. (Ал) буруттардын аты-жөнү катталган тизме так эмес дегени менен, а бирок Абулфеиздин катында буруттар талап-тоноп жатканы жөнүндө айтылат. Балким, Ирдана чегарада жалган жерден каракчылык уюштуруп, а өзү болсо казактар менен жашыруун алака жасап жүргөндүр. Мунун бардыгы өтө маанилүү. Адаттагыдай эле, мурдагы нускоолорго ылайык аракет кылгыла; иштин чыныгы жагдайы кандай экенин купуя иликтеп билгиле; жумушту бүткөрүштө кош көңүлдүккө жол койбогула. Дагы айтарыбыз, 47 (адам) Маргалаңга барып, ал жерден Чжао Хойдун кол астында Яркендде болуп, анан Ирдананын букаралары тарабынан туткунга алынган жашыл байрак (б. а., Кытай аскери) жоокери Лю Вэйди табышкан. Канча бир ирет качышка далбас урган, бирок дайыма алардын кароолдоруна кармалып калып, кайтарууга түшүп турган. Маргалаңдыктар капкачан эле моюн сунушкан; кокус ички аймактардан офицерлер жана жоокерлер колго түшсө, мыйзам боюнча кайта жөнөтүүлөрү тийиш. Абакта кармашка кандай акылары бар! Нашитунга буйрук берилсин: Ирданага өкүл жөнөтүлүп, өкүмдардын жарлыгы тапшырылсын жана айыптоо билдирилсин. Мындан ары ушуга окшогон окуя дагы кайталанчу болсо, олуттуу түрдө териштирилсин. Лю Вэйге өз (аскер) туругуна кайтышка уруксат.

731-бап

Цяньлун, 30-жыл (1765), 2-ай

18б Кашкардагы цаньцзань дачэнь Нашитун кабарлайт.

19а Илин Лян Фунун кол башчылыгы астында кесептердин жолун тосушка аскер атказганыбызды мурда билдирген элек. Али келелек болгондуктан, жоокерлерди душманга өзүм баштап жөнөдүм. Аян Фунун аскери келгиче, Башьяхма чөлкөмүндө керектүү чара көрүшкө буйрук эттим. Алгачкы 7 күндө мен шаардын батыш жагындагы аска-тоолорду ээлеп, 30дан ашык кесепти жок кылдым. Кесептер күнөөсү кечиримсиз экенин сезишип, адам баргыс зоокага бекинип алышып, өлөр-өлгөнчө коргонушту. Азыр Илидеги аскер акырындап келе баштады. Гуань Инь-баонун келишине орчундуу түйүндөрдү коргой турган жоокерлерди иргеп коёбуз.

Андан тышкары, дагы айта кетчү нерсе, кыпчак бурут саньши дачэнь Ациму (Аким) жана чоң багыш буруттарынан Аьалэ-бий бурут жоокерлерин баштап келишти. Кушчу уруусунан Нарботонун жээни дагы аскерди (ҮчТурфанга карай жортуулда) коштоп барышка жана колдоо көрсөтүшкө куштар экенин билдирди. Сый-сыяпатты арттырып, биздин жоокерлер менен бир катарда жол азык беришке буйрук этиш кажет. Эске салабыз.

732-бап

3-ай

Императордун жарлыгы.

Нашитун маалымдагандай, бурут Ациму (Аким) жардамга жоокерлерди алып келген; мунусу мактоого татыктуу. Мин Жуйга сыйлашка буйрук берилсин.

Эгерде ар бир уйгур шаарынын беги ушундай күч үрөп, чын ыкыластан тырышып кызмат кылчу болсо, сиңирген эмгегине жараша ирети менен билдирилсин. Баш ийдирилген күнгө карата жакшылап сыйлайбыз.

732-бап

13б Андан сырткары, Дэ Фу билдиргендей, Ушта (ҮчТурфанда) козголоң чыгаардан 10 күн башта, буруттар учурдан пайдаланып, Абдулланын жайылып жүргөн койлорун айдап кетишкен жана 15 малчынын үй-бүлөсүн талап-тоноп алышкан. Бул буруттар, окуя буга дейре болуп өтсө да, алыс эмес аралыкта турушат. Алар кесептер эмес экенин ким билсин? Жашырын келишип алышып, тополоңдон пайдаланып карактап жатышат.

14а Мин Жуй бул иштин жагдайын аныктап билишке аларга барып, териштирген соң, мыйзам боюнча эл алдында өлүм жазасына тартышка татыктуу каракчылар экен деп келди. Дэ Фу ошондой эле муну маалымдады: Нашитун жоготкон курал-жарак эч кандай алыска атуучу замбирек эмес экен; башта ал жаңылыш кабарлаптыр. Нашитун менен Сятахай замбирек жоголгонун жакында билдиришип, төлөп беришке өкүм чыгарышты өтүнүшкөндүктөн, тергеп-териштиришке жана чара көрүшкө Мин Жуйга тапшырма бердик. Айтор, иш аяктагандан кийин талдоодон жана талкуудан өткөрүлүп, жыйынтыгы билдирилсин.

Императордун жарлыгында дагы мындай деп айтылат.

Нашитун маалымдагандай, адигине жана сарыбагыш журттарына Кайдамат тымызын тыңчылык кылышка Айтмат уйгурду жөнөткөн. Жолдон Уштук (Үч-Турфандык) уйгурлар жолугуп калып, буруттарга айтып коюшкан; бардыгы шектенип калышты. Ал башта Черикчинин конуш-журтуна ага кабар айтканы барып кайткан. Черикчи дароо иниси Хайландарды жиберип, ал кабыл алуу каадасына катыштыруу өтүнүчү менен келген.

14б Ошондой эле кайда көчүп-конуш жагынан кандай жарлык болорун сураган. Черикчи жөнүндө айтсак, анын сый-сыпайыгерчилдиги жалпыга маалым. Ушу тапта анын ак ниет кызматы тууралуу кайрадан кабар уктук; ыраазы кылышты өтө өтүнүп сурайбыз; сыйлык ыйгарышка толук татыктуу. Бөтөнчө сый көрсөтүп, 4 түрмөк жибек тартууладык, инисине 2 түрмөк ыроолодук. Айтматка сыйлык катары чок белгисин жана 7-даражадагы ботокур ыйгардык. Кокус кенже бектин орду бошоп калса, ошол кызматка дайындалсын жана 20 лан күмүш-зер тартуулансын.

737-бап

5-ай, 1765-ж.

Императордун казактын Аблайына жолдогон жарлыгы.

Сенин урмат-сый билгизип, тынчтандырып тындыруу өтүнүчү менен буга дейре жөнөткөн өкүлүң Оторци борборго келип, биздин өзүбүздүн кабыл алуубузда болду. Биз сенин катыңы окудук; ошондой эле буруттар жоокерлери менен сенин казак өрүш журттарыңа басып кирип, көп адамдарды өлтүрүшкөнүн жана сан жеткис малыңарды талап-тоноп кетишкенин Оторцинин оозунан уктук. Бизди калыстык кылып караса дейт экенсиң. Мурда сенин казактарыңда болгон Олому-бий Абулфеиз көп калайык жыйып, 2000ден ашуун кол менен буруттардын эсепсиз малын карактап алганын билдирген. Тигилер да, башкалар да бардыгын тынч жол менен жайгарышкан.

Казактар менен буруттар акыл-кеңеш сурап, өкүмдарга дайыма урмат менен кайрылып турушат.

Биз бирин ала, бирин кула дебей, баарына тең бирдей жакшы мамиле жасайбыз.

Азыр сен буруттар казактарыңын бейпилчилигине бүлүк салганын кабарлап отурасың; а сенин Абулфеизиң 2000 ашуун кол менен буруттарды талап-тоноп кеткен; жолдон биздин дачэнь менен жолуккан. Анан буруттар өзүңө окшоп, силердин өрүш журтуңарга басып кирип, малыңарды таласа даттанып келесиңер. Деги кимиңерди туура дешибиз керек? Силердин эки журтуңар бири-бирин дамамат талап-тономою көнүмүш болуп калганы көрүнүп турат. Силердин конушуңар коңшу, жайытыңар аралаш; бири-бириңер менен ынтымак ымалада болуп, өз ишиңерди жасап, тынч жашашка тийишсиңер. Бири-бирин каракташ – барып турган жаман адат; андан эч кимге пайда жок.

Буруттар сени каракташканына кайрылсак, сен киши жибергенден кийин сенин казактарың дагы буруттарды каракташып, өчүн алышты. Ишти тынч жол менен жайгарышты. Ушундан соң сен биздин ырайым-кайырыбызга арзышка аракет кылышка тийишсиң; көрсөтүлгөн жол-жоболорду катуу карманып, талап-тонош өнөкөтүн өзгөртүшкө жана өз жазмышыңа алымсынып, тынч жашашка милдеттүүсүң. Ак эткенден так этип, жарытпаган пайда үчүн жанталашып жутунган адатыңарды койгула; ошондо бизден көпкө дейре жакшылык көрөсүңөр; ар ким тынч-аман жыргал турмуш ырахатына бөлөнөт. Ушуга күч-аракетиңерди үрөгүлө.

Бул окуяга байланыштуу буруттардан эч ким келип бир нерсе деген жок; ал (б. а., Аблайдын өкүлү. – Г. С.) келип, маалымат берди. Буга ылайык, ачык айтарыбыз: ким болбосун биз кечирим кылбайбыз…

746-бап

10-ай

9б-10а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Мин Жуй менен Агуй билдиргендей, Яркенддин, Кашкардын, Аксунун, Хотандын хаким-бектери уу-дуу кеп-сөз таркап кеткенине нааразы болуп жатышыптыр. Алардын ичинен Одуй гана аздыр-көптүр керекке жарай турган адам; Ашэмот дагы ишти алып кете алат. Кайдамат менен Сатыбалдынын жөнүн айтсак, алардын аброю мурдагыга караганда түшүп калды. Яркендде турган Одуйдан тышкары, Кайдаматты Атсуга, Сатыбалдыны Хотанга, Агуасы-бекти Кашкардагы хаким-бектин бошогон ордун ээлешке жөнөтүштү сурайбыз. Жаңылыштык кетип жатышы да мүмкүн. Одуй жана башкалар эбактан моюн сунган адамдар; согуш аракетине байланыштуу маселе келип чыкса, жан-дили менен кызмат өтөп, өздөрүн актап алышса болот.

10б Бу сапар конуш журттарынан козгоп, көчүрүү ишин толук жүзөгө ашырсак, уйгурлар, буруттар жана башкалар, жагдайды билбей, кокус шектене башташары этимал. Үч-Турфанды басып алган соң, мамлекет (б. а., Кытай) аларды андан бетер кысыш үчүн зордук кылып жатат деп айтышары ыктымал. Алар жарыбаган пайда үчүн өлүп-талышарын; ошондой эле уйгурлардын арасында да чыр-чатак көп болорун билебиз. Арийне, ошолорду болтурбаш үчүн кандай чара талап этилет. Кантип сылап-сыйпап сыйлашты жана катуу жазалашты так ажырата билип, дачэнь туура жетекчилик кылганда гана, жер-жерде өзүнөн өзү бейпилчилик орнойт. Билдирүүдө айтылгандай, ого бетерден көпчүлүктүн үрөйүн учуруп, шаштысын кетирип, кайра-кайра көчүрө бериштин кажети жок. Алар көчүрүлө турган жерлердин өзүндө да, имиш-имиштен башка анык-так маалымат жок; ошолорго кантип толук ишенишке болсун? Анын үстүнө, Мин Жуй тээ мурда эле ар бир шаардын дачэнин кызматтан алгысы келген. Эгер анын өтүнүчүн канааттандырсак, анда кайтадан дагы бирөө ишти кайра башынан үйрөнүп, өздөштүрүшкө тийиш болот; жаңы дайындалчу бек татыктуубу же жокпу, а жагы да ачык эмес. Айтор, өз катачылыгыбызды өзүбүз оңдошко туура келет.

11а Хаким-бектер алмаштырылып жаткан жерлерге барыштын эч кандай кажети жок; тартипке салуу иштери кантип аткарылып атканы тууралуу алар өздөрү эле такка өзгөчө билдирүү жазып тапшырышат, демек, ошол толук жетиштүү болот. Болгон иштин баарысы Мамлекеттик кеңешке билдирилсин.

763-бап

Цяньлун, 31-жыл (1766), 6-ай

11а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Чокто кабарлагандай, саяк уруусунда Хутуш Гэрчжа деген буруттун колунда жүргөн элют Кубань аттарын айдай качып, моюн сунуп келди. Чоо-жайын сурап билишке Хутушка киши жибердик. Хутуш элютту эч кынжылбастан туруп берээрин, бирок уурдалган аттары үчүн акы сурарын айтты. Хутушка жибек тартуу этишти жана Кубань айдап келген аттарын кайтарып беришти сурайбыз. Чокто туура эмес иш жасаган. Эгер элют баш ийгени келсе, Илиге жөнөтүш керек болчу; чоо-жайын сураштырып, буруттарга киши жибериштин эмне зарылчылыгы бар эле. Кокус буруттар артынан иликтеп келишчү болсо, мындай деп айткыла: теңир жалгаган бийликтин жакшы жол-жобосу ушундай, ким келсе, кабыл ала беребиз. Лзыр аны Илиге жайлаштырдык; жашашына каражат бердик; ошону менен бул ишти бүтүрдүк.

Белгилүү болгондой, бу сапар буруттар ыктыярдуу түрдө өткөрүп берип жаткан жери жок; элют өзү каалап келип, баш уруп олтурат Эмне үчүн артыкча сыйлык тартуулашыбыз керек экен? Элют айдап келген аттар жөнүндө, буруттарга кайра алгыла деш керек. Бул жеткен дөдөйлүк.

Азыр Илиде жана Ярда моюн сунабыз деп казактардан качып келип жаткандар эң эле көп. Алар өздөрү менен кошо ала келген буюмдарын жана жылкыларын кайта кайрып берген жери жок. Казактар менен буруттардын жагдай-шарты бирдей; анан ушундай да чалды-куйду иш болобу? Бул деген түркөйлүк жана иштин жөнүн билбестик экенин эскертебиз. Ушундан тартып, казактардан качып, моюн сунуш үчүн келгендер кандай тартипте кабыл алынса, баш ийип келишкен элюттарга да дал ошондой мамиле жасалсын.

787-бап

Цяньлун, 32-жыл (1767), 6-ай

11б Мамлекеттик кеңешке кирген министрлердин талкуудан соңку билдирүүсү.

Илидеги цзянцзюнь Агуй маалымдады: уйгурлар башта жуңгарлардын заманында адатта казактар менен соодасатык кылышчу эмес; буруттар жана анжияндыктар менен гана малга товар айырбашташчу. Кийин Илиде жана Ярда даңктуу аскер жайгаштырылганына байланыштуу, ички аймактардан кыйла ыраак болгондуктан, жана ошондой эле аттарды керек учурда кечиктирбей жеткирип туруш үчүн казактар менен алыш-бериш алака жасашка буйрук кылдык. Ошондой эле уйгурлар чын ниеттен баш урганын, жашоо шарттары бир топ оор экенин эске алдык; андыктан аларга соода-сатык жүргүзүшкө уруксат эттик. Ушу кезде сураштырып көрсөк, алар казактар менен соода-сатык кылышпайт экен.

12а Буруттар жана Анжиян менен гана соода жүргүзүп жатышыптыр. Жылкы жетиштүү; иш жагынан да эч кандай жолтоо жок. Мындан ары ар бир соодагерге өз соодасын жүргүзүш үчүн орун бөлүп беришти сурайбыз. Уйгурлар буруттарга, Анжиянга, Коконго барып соода кылышат. Илиде жана Ярда казактар менен соода жүргүзүшөт; эки жагына тең ыңгайлуу. Буга чейин соода-сатык убагында тартип сакташ үчүн тийиштүү түрдө баш-көз болуучу кишиңерди (акалакчы) жөнөткүлө; башаламандыкка жол койбогула деп ачык айтып, буруттарга жана Анжиянга буйрук берип жибергенбиз. Уйгурлар мурда келишкенде күбөлүк (лицензия) бергенбиз. Эгер башында болжошкон жерге келишпесе, пайданын артынан түшүп, чегарадан өтүшкө батынышса, эскертүү иретинде, малынын жарымы казынага алынат.

Өтүнүчкө ылайык иш алпарылсын.

953-бап

Цяньлун, 39-жыл (1774), 2-ай

Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун буйругу.

Илэту маалымдагандай, казактардан качып келген элют Даванын сөзүнө караганда, казактарды буруттар чын эле карактап кетишкен. Бул Тулу-байдын башта Наван жөнүндө айткандарына да дал келет. Эгер Аблай менен Абулфеиз көмөк сурап киши жөнөтсө, мен көрсөтүлгөн жол-жобону туткула деп катыраң буйрук кылам.

Илэту билдиргендей, казактар менен буруттар чынында да бири-бирин талап-тоноп жатышат. Чегарада акыбал тынч эмес; оңойлук менен кийлигише албайсың. Бирок да, Илиде жана башка жерлерде цзянцзюнь менен дачэнь аларга көмөк көрсөткөн жок.

Азыр казактар каракталып, жардам сурашууда. Эгер жардам берсек, казактар карактап кетти деп, анда буруттар дагы көмөк сурашы бышык. Антип отурсак, деги качан сеп алабыз?

Илэтуга буйрук тапшырылсын, эгер Аблай менен Абулфеиз адам жиберсе, мына бул жарлыкты жарыя билдириш зарыл: «Силер бири-бириңерди чаап, талап-тоноп атасыңар, демек, бул бир эле буруттардын кыянаттыгы эмес; жаңжал ушундан улам чыгууда. Күч менен токтотуш кыйын. Мурда буруттар кашкарлык уйгурларды кайра-кайра карактап, жан коюшчу эмес; андыктан азыр баарын тең катуу кармап туруш үчүн Кашкар менен Ушка дачэндер коюлган. Буруттарды каракташка тыюу салынган; ошондой эле буруттар дагы уйгурларды талаптоношко жол беришпейт. Азыр эгер силердин журтуңарга дачэнь койсок, аны үчүн офицерлер жана жоокерлер талап кылынат; алардын баарысын силер өзүңөр камсыз этишиңер керек. Сарамжалын санасак, караманча пайдасыз. Кол астыңардагыларды койгула деп тизгиндей алсаңар; анан да кароолдорду жакшылап чыңдасаңар; буруттар өзүнөн өзү тийише албай калышат. Силер баарыңар тең улуу мартабалуу өкүмдардын букарасысыңар; буга дейре буйрукка чын ыкыластан моюн сунуп келгенсиңер. Бир нерсени билип, аткарышка тийишсиңер: «Эгер болушуп койгула деп, бириңерден-бириңер өтүп сурана берсеңер, анда биздин бир жаатыңарды жактай тургандай эч жөнүбүз жок». Буруттар келсе да, ушу (жарлыкка) ылайык, өтүнүчү четке кагылсын. Ошондой эле бул буйрук Цин Гуйга маалымдалсын.

958-бап

5-ай

28а Императордун дагы бир буйругу.

Илэту кабарлагандай, казак Туйсокэбиндин айтымында, Аблай менен Абулфеиз көп кол баштап барып, Карабалдань (Кара-Балта?) деген жерде буруттар менен салгылашкан. Бурут элинин көп сандаган малын талап алышкан. Атаке бурут Таласка качкан. Кайрадан чабылып-чачылышып, согуштан миңден ашык адам каза тапкан; миңден ашууну каракталган; алардын ичинде улуктары көп болгон. Буруттар казактар тарабынан чабылып, каракталган соң, сөз жок, кайрадан өч албай коюшпайт, же бизге болушкула деген өтүнүч менен киши жиберишет. 28б Мен буга чейин да көп жолу ачык айттым эле; Илэтуга дагы бир ирет буйрук берем; эгер буруттар киши жиберсе, мындай дегиле: «Силер бири-бириңерди карактап атасыңар; боло жүргөн иш. Мурда силер казактарды чапкансыңар; мен киришкен эмесмин. Азыр силерди жактасам, кокус казактар дагы суранып келип калышса, эмне кылыш керек? Бир жаатты жакташка эч жүйө жок». Ушуну айтып билдирип, кетирип жибергиле. Ошондой эле бул буйрук Цин Гуйга маалымдалсын.

1014-бап

Цяньлун, 41-жыл (1776), 8-ай

Андан тышкары, талкуудан соң маалымдайбыз. Илидеги цзянцзюнь Сономцэрен билдирди: Илиде, Тарбагатайда чын эле тууган-уруктары бар болсо, казактарга, буруттарга, баш ийген элюттарга алардын арасына барып жайланышканга уруксат этилет. Эгер жери семиз, жашаганга жайлуу деген ой менен баш ийип келишсе, дегинкиси, андайларга уруксат жок. Буга дейре колдонулуп келген эреже-жобону карап көрдүк; кадимден эле укумдан тукумга кабыл алып келишкен экен. Азыр кокус кабыл албай койсок, алардын баш калкалаар сыйынты жок; ошону менен уурданып киришке аргасыз кылабыз. Талкуулап көрүп, баштагыдай эле кабыл алып, жайлаштырышка буйрук этебиз.

Эгерде көрсөтүлгөн жерде өз билгенин жасап, таш боордук кылган жана ошондой эле казактар менен буруттардын уул-кыздарын куру убада берип азгырган учурлар бар болсо, жакшылап текшерилсин жана катуу чара көрүлсүн.

Көрсөтмөлөр колго тиер замат, чечимге ылайык тез аткарылсын.

1202-бап

Цяньлун, 49-жыл (1784), 3-ай

Аскер кеңешинин министрлерине Императордун жарлыгы.

Бао Чэн билдиргендей, Сарымсак кат жеткиришке жиберген уйгур Токто-сопу кармалып, суракка алынган.

Аны коштоп жүргөн уйгур Молло Назардын айтымында, Сарымсак азыр Самарканга жөнөп кеткен. Жанына шерик кылып 10 гана мусулман адамын алган. Бир күн оокат кылыш үчүн кайыр-садага сурашат. Осмон ал жакка ишенчиликтүү мусулмандарды соода кылышка жөнөтүп, эптеп бир аргасын таап, Сарымсакты кайта келишке азгырганы атат, сыягы, өч алайын деген ою бар окшойт.

Дагы мындай деп тымызын билдиришти. Бурут саныпи дачэнь Ацимунун (Акимдин) иниси Эмур ишти чечишти коё турушту өтүнүп жатат. Арийне, акыбал мындай: Осмондун ой-ниети эң эле дурус. Биз абдан курсантпыз. Марттык кылып, бир чоң асынма капчык, эки кичине капчык тартуу эттик. Сарымсакты азгырып келтирсе болот. Анын көзүн тазалаш ниетине келсек, бул теңир жалгаган бийликтин кадыр-касиетине жарашпайт жана чегара дачэнинин иш жүргүзүү жол-жобосуна ылайык келбейт.

Сарымсак Бурхан ад-Диндин уулу болгондуктан, Кашкарда башында аны менен бирге жүргөн, Сарымсакка үмүт арткан уйгурлар бар. Ошон үчүн бири-бири менен убадалашып алып, такай азык-оокат камдап беришүүдө. Эгер Сарымсак тымызын тындым кылынса, анда бүт мусулмандар шек алып, коркпой койбойт. Осмон да оңбой калабы деп, кабатыр болуп турабыз.

Осмон биздин ага көңүлүбүз түз экенин билет. Сарымсакты алдап алып келишке жашыруун киши жиберип, аны борборго жеткирсе болот. Андан соң биз ырайым кылып, кайырыбызды ашырып, Ходжасы сыяктуу, ага да анык чен ыйгарып, кам көрөбүз. Ушундай адамгерчилигибиз менен алыскы (чет жерликтердин) көңүлүн алабыз; ошол эле учурда мусулмандар үмүт-тилегинен айрылышат деген ойдобуз. Азыр Баочэн менен Осмон көрсөтүлгөн чөлкөмдө иш жүргүзүп жатышат. Бу дагы элдин көңүлүн өзүбүзгө тартышка өбөлгө болмокчу. Сарымсакты эптеп айласын таап азгырышка Осмон Самарканга киши жөнөтүп калчу болсо, же балким, канткен менен Сарымсакка кат жазып жибереби, анда мындай деп айтууга тийиш: «Кашкардагы иштерге азыр мен баш-көз болуп атам. Сен болсо оокатың өтпөй, кайыр сурап Самарканда жүрөсүң.

Андан көрө Кашкарга келбейсиңби; кийим- кече, тамакаштан өксү кылбайбыз. Оокат-турмушуңу дагы оңоп аласың». Сарымсакты ушинтип азгырып алып келип, тезинен борборго жөнөтсө, ошондо иш ойдогудай болмокчу.

Осмон биздин көрсөтмөбүздү алды; жагдайга жараша талаптагыдай аткарышка аракет жасамакчы. Сарымсакты чын эле азгырып алып келип, борборго жеткирсе, биз сөзсүз айрыкча сый-сыяпат көрсөтөбүз.

Саныпи дачэнь Ацимунун (Акимдин) иниси Эмур тууралуу айтарыбыз, азыр ал Токто-сопу менен Фархат-сопуну жаап-жашырып койгону жөнүндө иш козголуп жатат, ошонун чын-төгүнүнө жетип ишти жапкан соң, милдеттүү түрдө дароо анын иниси менен иштешебиз.

Буруттар кулк-мүнөзү жагынан жеткен түркөй жана наадан болушат. Алардын кычыгына тийип, көңүлүнө шек келтирбеш керек. Кайра дагы алыска көчө качышып, көз жазгырып кетиштери мүмкүн; анан чара көрмөйүн, таба албай калабыз. Сарымсакты чындап колго түшүрсөк, калган иштер оңой эле чечилет. Мурда Баочэнге Молло Сапарды Илиге жөнөт деген буйрук жиберилген эле. Азыр жөнөп кеткен болсо, албетте, кайра кайтарыштын кереги жок.

Эгер жолго чыга элек болсо, анда жөнөтпөй эле койгула; ордунда калтырып, сурак берип, күбө өткөнгө даярдоо зарыл. Бул иш Осмон менен чогуу талкуулансын, жана баарын төкпөй-чачпай билдиргиле. Өкүмдардын жарлыгын Баочэн менен Осмонго беребиз. Ошондой эле Илэтуга да билдирилсин; бул көрсөтмөлөрдүн көчүрмөсү тааныштыруу максатында Агуйга жиберилсин.

1203-бап

1784-жыл, 3-ай

Аскер кеңешинин министрлерине Императордун жарлыгы.

Баочэн маалымдагандай, Сарымсакты күнөөлөп, Осмонго кат жазып жиберишкен Янги-шаардын хаким-беги Алим менен бурут саныни дачэни Ацимунун (Акимдин) үстүнөн алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлдү. Мунун баары карандай калп. Канткен менен Ацимуга (Акимге) ишенишке болбойт; иниси Эмурду кайрадан Чоктого даттанышка мажбурлап жатат. Азырынча тынчтандырып, ишти бир жаңсыл чечишти сурайбыз.

Иш эң эле натуура жүргүзүлүүдө. Алим менен Ацимунун (Акимдин) бул арызы, асыресе, Сарымсак алар менен байланышта болуп жүрбөсүн деген кооп туудурууда. Калайык-калк жакшы кабардар, андыктан алар Осмонду жаманатты кылыш үчүн шылтоо издешүүдө.

Баочэндин тергеп-териштиргени кур бекер убарагерчилик. Алим, Ациму (Аким), Эмур үчөөнү кармап, борборго жөнөтүү зарыл. Муну оңой-олтоң эле орундаса болот, тилекке жараша, алар Чоктого арызданып келишкен. Чокто бул ишти ойлоштуруп, аларды кармап борборго жөнөтсө, ошондо баары жайында болот. Арийне, балким, ишти анчалыкка жеткириштин зарылчылыгы жоктур, демек, Ациму (Аким) менен Эмурду баштагыдай эле кайра кетирип жибериш керектир. Эгерде Кашкар аркылуу али өтүшө элек болушса, анда Баочэн манжуу жоокерлерин баштап барып, алардын кайтаар жолун тосуп кармашка Осмонго буйрук берет. Алим менен кошо баарын чогуу-чаран, тың адамдын коштоосунда борборго жөнөтүш ылаазым. Кокус алыс узап кетишип, кармашка мүмкүн болбой калса, анда сыр билгизбей коё турган оң. Азырынча Алимдин да тынчын алыштын кажети жок. Илэтуга тез кабар берилсин, өз оюндагысын ишке ашырсын: Кашкарга барып, Алимге, Ацимуга (Акимге), Эмурга өкүмдардын жарлыгын жарыяласын. Бул иш Кашкардын дачэнинин колунан келбейт көрүнөт; андыктан (Илэту) өзү келип чечет. Жарлыкты Ациму (Аким) менен Эмурга маалымдаш алдында Илэту аларды жалпы жонунан сыйкатып сурак кылмакчы. Бул маанилүү иш боюнча өкүмдардын жарлыгын жибериштен мен да тартынып турам. Эгер аларды улуу мартабалуу өкүмдардын адилет чечимин күтүшкө борборго жибериш керек болсо, анда Алим менен иш билги бир кызматкер кошо жөнөп, тез борборго жеткирсин. Качырып жиберишпесин. Кокус ушу тапта Ациму (Аким) мурдагыдай эле Үч-Турфанда болсо, анда Чокто кармап, Ациму менен Эмурду жөнөтсүн. Ошону менен катар, Алимди кармап, борборго жөнөткүн деп, Баочэнге кат-кабар жолдосун. Жолдо катуу кайтарылсын; качып кетиштерине эч кандай жол коюлбасын.

600 ли аралыктан кечиктирилбей, өкүмдардын жарлыгы маалымат үчүн Илэтуга, Чоктого, Баочэнге, Дуньфуга, Осмонго берип жиберилсин.

6а–6б Императордун жарлыгы.

Баочэн жакында кабарлагандай, Осмондун үстүнөн бөйдө чагым салган Алимдин иши каралды. Өкүмдардын жарлыгы чыкты; ырааты менен терип-тепчип көрсөтүп жөнөттүк. Баочэн көп жыл бою Аскер кеңешинде катчы болуп турган; иштин төркүнүн түшүнбөгөнү кандай? Ырас, Ацимуну (Акимди) кармап, борборго жөнөтпөгөн соң, аны убактынча Кашкарда калтырып, ишти чечиш үчүн биздин көрсөтмөбүздү күтүп, чара көрүү ылаазым. Эгер аны коё берип жиберсек, анда адилеттик деген кайда калат?

Баочэнге катуу талап коюлсун. Азыркы учурда Ациму (Аким) иниси Эмур экөө арызданганы Үч-Турфанга жөнөп кетишти. Чокто аларды чын эле кармап, борборго жөнөтө алса, эң эле сонун болмок. Анте албаса, аларды кармап маалымат билдирип, биздин көрсөтмөбүздү күтсөңөр, бу да жакшы иш болор эле.

Эгер Чоктонун өзүнүн бекем ишеничи жок болсо жана мурункудай эле аларды кайра коё берсе, анда көрсөтмөгө ылайык, Осмон жоокерлерди алып, кайтчу жолун тосуп кармайт. Бу да бизди толук канааттандырат. Эгерде Ациму (Аким) эбак эле Кашкар аркылуу өтүп, конуш журтун карай алыс узап кеткен болсо, анда Баочэн шашылыш кат жиберип, Илэтуга иштин жайын кабарлайт. Өкүмдардын буйругу Илэтуга маалымдалсын жана бул көрсөтмө жетекчиликке алынсын. Баочэнден кабар күтүп отура бергенде болбойт; чегараны кыдырып текшериш шылтоосу менен дароо кырдаалды пайдаланып, аскер менен Кашкарга аттанып чыга берген оң. Мурда чыгарылган көрсөтмөлөргө ылайык күдүктөнбөй учурдан пайдаланып, аларды кармап Алим менен чогуу борборго жөнөтүшү үчүн Осмонду ойлогон ой-ниетиң орунсуз деп, калп эле тилдемиш болуп коюш керек. Дагы Алимдин арызына кошулуп кол коюп беришкен хаким-бек Суньдула-кожону, Хотулук-досыны, Саби-кожону сурактан өткөрдүк. Алимдин көкүткөнүн уккан жокпуз дешкени менен арийне, кыйноодон коркконунан гана моюндарына алышты. Азыр эми жагдай өзгөргөнүнөн кооп санап, кайрадан моюнга албай жатышат. Болгон иштин баарысы көрүнүп турат; эгер сурактан дагы бөлөк аки-чүкүсү аныкталбаса, анда, албетте, борборго жөнөтүштүн кажети жок. Кол койгондору кокус чын болсо көздөштүрүп, Алим менен чогуу баарын тең борборго жиберүү зарыл.

Арийне, эгер бул иш Кашкардын уйгурларына билинип калчу болсо, шек туулбай койбойт. Андыктан Баочэн, Дуньфу, Осмон күч үрөп, өкүмдардын жарлыгын аларга дурустап түшүндүрүп, ачык жеткириштери керек. Ошондой эле буруттар дагы күмөн санап, сестенип калбаш үчүн Илэту жакшылап ойлоштуруп, зарыл чараларды көрүшкө тийиш. Андан тышкары, Алим Сатыбалдынын жакын тууганы экени белгилүү. Сатыбалды Яркендде жашайт жана ырайым кылышка толук татыктуу болгон. Алимди кармаш үчүн алыска аттанып барыш эч кажетсиз. Бул иштин ага тиешеси жок.

Илэту гана ишти кунт коюп жүргүзүп, бардыгын тең өтө жашыруун кырдаалда чечсе болгону. Сарымсактын кабарын билишке Осмон Самарканга дагы киши жөнөткөн. Кайтып келе турган убагы болуп калды. Жагдай кандай экени тез билдирилсин. Сарымсакка байланыштуу Осмон киши жибергени жатканын, оңтою келсе ал аны жок кыларын Баочэн мурда жашыруун кабарлаган. Биздин оюбузча, бул алыскы журттарды жоошутуп моюн сундуруу идеясына карама-каршы келет. Убада берип азгырып, борборго жеткириш буйругун токтоттук. Ушу күндө Сарымсактын катын текшерип карап көрдүк; кыжырга тие турган келжирек сөздөр жазылган. Сарымсакты борборго жеткирген күндө да, ал эми бизден ырайым күтө албайт. Акыры келип, алардын башта билдирген маалыматына ылайык ойлоштуруп көрүп, Сарымсактын көзүн жоготуш керек; ошондо макоо уйгурлардын курулай үмүт-тилегин биротоло таш каптырабыз.

Бу туурасында жашыруун буйрук менен Илэтуга, Чокэтого, Дуньфута, Осмонго кабар кылынсын; ишти аткарууда этият болуштары аларга эскертилсин. Баочэн жөнөткөн төрт жооп каттын баарын тең карап көрүшкө жибердик. Баочэн ал каттарда Янги-шаардын хаким-беги болуп туруп, Алим опузалап пара алган учурлар бар экенин Осмон маалымдаганын билдирген. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Ишти али бүтүшө элек болсо, анда убактынча токтото турушсун. Талаптагыдай чечимге келишкен болсо, Алим тополоңго катышы бар экендигине байланыштуу айыптуу болгондуктан, азыр баштагыдай Янги-шаардын хаким-беги кызматында кала албайт. Аны алмашт ырып, Кашкарга катуу көзөмөл астына жөнөтүү зарыл.

Сарымсактын иши жана ошондой эле, Осмондун үстүнөн болгон бөйдө чагым жөнүндө эч ким билбесин. Кокус Ацимуга (Акимге) каңшаар жетип калчу болсо, жазадан коркуп, алыска из жашырып кетиши мүмкүн. Осмонго келсек, жаштайынан туура жол менен баратат. Азыркы учурда ушул ишти байкаган жер-жерлердеги мусулмандардын бардыгы тең аны колдоп жатышат. Биздин өзгөчө ишенич менен ылым санаарыбызды ага айтып койгула; ошондо Осмон ыраазычылыгыбызды сезип, ого бетер ынтаа көрсөтөт, демек, Кашкарда чындап көпкө дейре бейпилдик өкүм сүрөт. Айрыкча ыкылас менен ага белек катары өзүбүз кастарлаган акак таштуу шакекти жиберебиз. Анын биринчи жөнөткөн маалыматы боюнча өз оюбузду окусун деп кошо берип жибердик. Осмон биздин нускоолорубузду алып, чын дилинен ынтаа көрсөткөнү жакшы. Сарымсакты азгырып алдаш үчүн ага кат-кабар жана анча-мынча каражат жөнөтүп жатканы мамлекеттик маанидеги иштер менен байланыштуу болгондуктан, ага тоскоолдук жасаштын кереги жок. Эгер бөйдө чагымдан коркуп, Сарымсак менен сырдашып, анын айткандарына кулак төшөй турган болсо, буга таптакыр жол берилбеши тийиш.

Осмон чын эле Сарымсакты азгырып алып келе алса, же аны жок кылышка жараса, сөз жок, биз андан жакшылыгыбызды аябайбыз. Бардыгы тууралуу буйрук берилсин жана Баочэнге, Дуньфуга, Осмонго маалымдалсын.

12а Мамлекеттик кеңештин министрлерине Императордун жарлыгы.

Чокто билдиргендей, бурут саныпи дачэнь Адиму (Аким) иниси Эмур жана жээни Яньци болуп, Осмон Сарымсак менен сөз байлашып алган деп, анын үстүнөн арыз кат тапшырганы Ушка жөнөп кетишкен. Ацимуну сурак кылышка Кашкарга өзүм жеткирип бардым.

Андан сырткары, Баочэнден алынган катка ылайык, Илэту кабарлагандай, Осмон элди козгоп, тополоң баштап жибербес бекен деп кооп санап турабыз. Талап кылынгандай тартипте тынчытып, бардыгы тууралуу билдирүү кажет.

12б Баочэн башта билдиргенде мен сөзсүз Чокто аны менен чогуу Кашкарга барып, сурак кылат деп ойлогомун. Ал оюм азыр акталган жок; Чокто ишти тез аткара албайт экен. Өз адамдарың менен Ацимуну (Акимди) кармап, борборго жеткир деп, мен мурда Осмонго жиберген буйрук азыр колуна тийсе керек. Тез арада ойдогудай орундоо зарыл.

Илэту билдирген маалымат жөнүндө айтсак, буруттар козголуп калдыбы деп кооптонуп турам; өкүмдардан бул чатакты басышты өтүнөм. Мындайга эч жол беришке болбойт. Кандай ыр-чыр чыкпасын, чечкиндүүлүк талап кылынат; дайыма тынччылык болушун ойлош керек.

Осмон көптөн бери Кашкарда чын ыкыластан ынтаа көрсөтүп, ыраазычылыгыбызды сезип, тырышып кызмат кылууда. Ушу тапта аны Алим менен Ациму (Аким) аябай жаманатты кылып салышты. Экөөнүн тең катыгын берчү болсок, камыгып кайгырышат.

13а Убактылуу тындырганыбыз менен, ич ара жоолашканын коюшкан жок. Эми дагы башка чыр-чатак чыкпай койбойт. Илэту ар качан ишти өзү билип жайгарып салчу эле. Бу сапар эмне үчүн ошондой терең ойлоштурган жоксуңар. Ацимуну (Акимди) кармап, борборго жөнөтсөк, буруттар козголот деп кооптонуп атасыңар. Мен буга караманча каршымын. Ациму (Аким) мурда буруттарды көчүрмөк болгон, бирок алар баарысы тең көнбөй коюшкан. Кандайдыр шек-шыба пайда боло калса эле, Осмон чыр чыгарды деп чыгышат экен. Таптакыр андай эмес; көздөгөн бутасына эч тийбейт. Осмон эч нерсесин жаапжашырган жери жок; ой-ниети бүт ачык; Сарымсакты азгырып, капканга түшүргүсү келип жатат. Осмонго толук ишенсе болорун Баочэн эбак эле жашыруун билдирген. Дагы айтарыбыз, Чокто маалымдагандай, Ацимунун (Акимдин) азыркы конуш журту Ташмиликте. (Бизге) баарыдан да Ацимунун (Акимдин) өз эли-журтун тынч кармап башкарып турганы керек. Арийне, келечекте Ацимунун (Акимдин) көзү өткөн соң, бу жерде баш бербеген көчмөндөр чыгышы мүмкүн экенин эске албай, ишке жүр-нары мамиле жасаш таптакыр туура эмес. Ушул көз караштан алганда, Илэтунун Кашкарга барышынын эч кандай кажети жок. Эгер барса, анда тескерисинче, көпчүлүк уйгурлар менен буруттарды шектендирип дүрбөтөт. Чокто ушу күндө Ацимуга (Акимге) жана башкаларга Кашкарга жөнөшкө буйрук этти. Менин жарлыгым кокус жолдо колуна тийбей калса, анда Кашкарга келгенде көздөш түрүп, териштирип-тергөө иштерин жүргүзөт. А менин көрсөтмөмдү алгандан кийин Алимди, Ацимуну (Акимди), Эмурду, Осмонду сакчыларга айдатып жөнөтөт.

14а 2–3 бекет өткөн соң, Осмонду коё берип, кайра катылбаш керек. Чокто жолдон Илэтунун көрсөтмөсүн алаар замат, Ацимуну (Акимди) Ушка узатат. Анан менин буйруктарым колго тийген соң, Ацимуну (Акимди), Эмурду жана жээни Яньцини бүт чогуусу менен алып, борборго жөнөтөт. (Бул буйруктар) тийиштүү түрдө аткарылсын; аларга кымындай да боор ачуу болбосун; бир гана моюн сунуш талап этилсин. Арийне, Алимди, Ацимуну (Акимди), Эмурду, Яньцини кармап, сакчы кошуп жөнөткөндөн кийин алардын үй-бүлөлөрүн талаптагыдай тартипте тынчтандыруу зарыл. Ошондой эле Сарыкол конуш журтунан алардын иниси Куньчук менен уулдарын бүт чогуусу менен Кашкарга көчүрүп, көңүл буруп тынчтандырып, көз салып байкап, эли-журттарына кайтып барып, чыр-чатак чыгарышпагандай кылып сак-сактап, кайтарып туруш кажет.

14б Ацимуну (Акимди) кармап, борборго жөнөткөндөн кийин, буруттардын конуш журттарында да жагдайды байкаштырып, кандай кылышты караштырыш керек. Ошондо гана узак мезгилге бейпилдик орното алабыз.

Менин оюмча, буруттардын ал-жайын аныктап билгибиз келсе, адаттагыдай эле, тескеп-текшериш үчүн бир канча адамды тандап туруп атказсак, анан аларды жер-жерлердеги конуштарга чектеп, ар бирине өзүн өзү билип башкарышка эрк берсек, ошондо бийлик бөлүнүп-жарылып, керек кезде өзүбүз каалагандай өкүм жүргүзүш оңой болмокчу. 600 ли аралыктан калтырбай берип жибериш үчүн буйрук Илэтуга, Чоктого, Баочэнге, Осмонго маалымат катары кабарлансын.

16б Цзюньцзи дачэнге Императордун жарлыгы.

Осмонду чатак чыгарды деп күнөөлөп, жаманатты кылышкан Алим-Ацимунун (Акимдин) иши боюнча Илэту жакында билдиргендей, бул таптакыр туура эмес. Сарымсак күмүштөн жасалган буюмдардан белек берип, сөз байлашып убадалаштык деген кат-кабар менен Кашкарлык уйгурларга киши жөнөткөн. Эгер Осмон Баочэнге жашыруун билдирүү жибербегенде, акыры келип бул иш билинбей да калмак. Маселен, Илэту Осмон сыяктуу Кашкардын хаким-беги болуп туруп, бул иш жөнүндө ал жердин дачэнине кабарлабай койсо, анда буруттар козголуп кетпесин деп коркконсуп калат экен; ал эми моюн сундуруу ишине келгенде, барып-келип эле, Ацимудаи (Акимден) сестенгенсип жатпайбы. Бул андан бешбетер эч бир чындыкка коошпойт.

Бирок да азыр Ациму (Аким) кармалып жөнөтүлдү; ал эми буруттар козголдубу, же жокпу али бүдөмүк.

17б Эгер эли-журтуна кайта коё берип жиберсек, Осмонду жаманатты кылып салды, ал котур ташын койнуна катып, бир күнү сааты келгенде, буруттарды козутуп, чыр-чатак чыгарабы деп кооптонуп атабыз. Ал эми (борборго) барып келгенден кийин, тартип бузушка батына албай калат; же акыры келип, качып жоголот, демек, анда иши дагы оорлошот. Ушу кезде Боэркэ качып кетип, али кармала элек. Кокустан Аким (Атщму) дагы качып кетчү болсо, анда эмне, кайрадан куугун атказабызбы? Деги бул ишти кантип бүткөрсө болот?

Илэту ишке такшалган адам; эмне ушуга көзү жеткен жокпу? Жакшылап ойлонгула, бул иш аяктаган соң, Илэту, Чокто Ацимуну (Акимди) бири-бирине жек көрүнбөй калкалап, сактагандай болушсун. Кокус козголуш чыкса, экөө тең анын айыбын мойнуна коё алышат. Мен муну менен эч кандай Ацимунун (Акимдин) өлүмүн тилеп аткан жерим жок. Сөзсүз ушундай кылгым келип жатат; ошондо ал өзү жазып-тайыпмын деп алдыбызга келет. Бул эмне жаза эмес бекен? Ацимуну (Акимди) борборго жөнөтүп, сурактан өткөрүп, тергеп-териштиргенден кийин, аз айып, көп күнөөсү жок болсо, мен жакшылык жасап, аны саньши дачэнь дайындашка тийишмин. Борборго келип жашаган кезинде, аны таарынтпаш керек. Бул деген ал үчүн чоң бакыт эмеспи! Айтылгандын баарысы Илэтуга маалымдалсын; ушундай кылганда гана бул ишти бүткөрүшкө болот. Анын Кашкарга барышынын кажети жок; Илиге кайтып, Чокто менен Баочэнден кат-кабар күтсүн. Оролу келгенде менин муруңку көрсөтмөлөрүмө ылайык иш жүргүзгүлө; чечкинсиздик кылбагыла. Бу жарлыкты 600 ли аралыктан шашылыш жиберебиз.

1206-бап

Цяньлун, 49-жыл (1784), 5-ай

14а Императордун дагы бир жарлыгы.

Кашкардын чегинен ары карай Самаркан жерлери.

Келдеси кесилген Борониду-кожонун уулу козголоңчу Сарымсак ошол жакта жашынып жүрөт. Ал уйгур Токтосопуну Кашкарлык уйгур Сапар-молдого жашыруун кат берип, мамиле түзүшкө жөнөткөн. Бурут саныпи дачэни Ацимунун (Акимдин) иниси Эмур Токто-сопуну жаапжашырып койгон. Жагдайды Кашкардын хаким-беги Осмон аркылуу билдик. Ациму (Аким) иниси башына балээ үйөөрүнөн үрөйү учуп, Осмон дагы Сарымсак менен кат-кабар алышып турат деп, анын үстүнөн бөйдө чагым салып, Чокто менен Баочэнге жөнөткөн.

14б Андан сырткары, Янги-Гиссардын хаким-беги Атшм да Сарымсактан кат алып, бу кылыгым билинип калбасын деп коркуп, ал дагы Осмонду жалган жерден күнөөгө жыгып, Чокто менен Баочэнге арыз жазып жиберген. Чокто менен Баочэн арыз бөйдө чагым экенин аныкташып, бирок ишти ийкемдүү чечиштин ордуна, кайра жараштырабыз деп шыкак болушкан. Алим менен Адимуга (Акимге) өз күнөөлөрүн моюнга алып, Осмондон кечирим сурашка буйрук этишип, ошентип ишти бүтүрүшүп, маалымат билдиришкен. Ошону менен ишти тамам кылабыз деп ойлошкон; бул барып турган чоң жаңылыштык. Баочэн бул иш тууралуу биринчи жолу билдирген кезде, мен алар ойдогудай орундата албасын сезип, канча бир ирет акыл-насаатымы айткамын. Ацимуну (Акимди) сакчыларга кайтартып, борборго жөнөтүшкө буйрук бергемин.

15а Баочэн көрсөтмөлөрдү алгандан кийин, аларды так аткарып, Ацимуну (Акимди), Эмурду, Алимди кармап, ошондой эле Сапар-молдону Сарымсактын каты менен кошо колго түшүрүп, бүт баарын сакчыларга айдатып, өз-өзүнчө борборго жеткирген.

Шинжаңда (Синьцзян) уйгурлар менен буруттар биздин айкөл жакшылыгыбыздын аркасында эбактан бери бейпилчиликте жашап жатышат. Ацимуну (Акимди) кармап, сакчыларга айдатып, борборго жөнөтүштөн күмөн санап, коркот деген бу кандай жорук!

Чоктону мен колдоп атсам, өзү цаньцзань дачэнь болсо, Шинжаңда (Синьцзян) бийлик жүргүзүп турса, анан ушундай ишке келгенде келесоолук кылып, жөндөмс үздүгүн далилдеп, көңүлгө карап кечирим көрсөткөнү эмнеси. Чокто Ациму (Аким) камакка алынганын Баочэнге кабарлар замат, ал барып анын туугандарын – бурут шивэйи Эсенди жана Асанбайды камаган; ушундай да болчу беле. Дагы кайрыет, азыр Ациму (Аким) кармалып, борборго жөнөтүлдү.

15б Чоктого дагы оңдой берди болду. Кокус Ациму (Аким) акыры түбү качып кетчү болсо, сөз жок ага мамлекеттин мыйзамдары боюнча катуу чара колдонуу зарыл. Бардыгын Хайлуга маалымдадык; а Чоктону болсо, кызматтан бошотуп, борборго жөнөттүк; жазыгын аныкташты Кылмыш жана жаза Министрлигине тапшырдык. Дагы Хайлуга Эсен менен Асанбай бурутту коё беришти буйрук эттик. Чокто талаптагыдай иш жасабады; азыр аны жазаладык; силерге тиешеси жок. Андан көрө көңүлүн тындырып, ага мурдагыдай чабаганчы бол деп буйруш керек. Баочэнге келсек, башында ишти ийкем аткара албай, ишти токтотушка шыкакчы болуп, көм өктөштү. Чоктодо деле күнөө жок. Бактыга жараша, буйрук колуна тиер замат, Ацимуну (Акимди) кармап, жарлыкка ылайык, кайтаруу астында борборго жөнөтө алды; тез аткарды, демек, сиңирген эмгеги кетирген күнөөсүн тең таразалап турат десек болот.

16а Хаким-бек Осмон тууралуу айтсак, ал менин жакшылыгыма жан дилинен ыраазы жана Сарымсактын уйгурлар менен жашыруун кат-кабар алышып жүргөнүн эч жашырган жок. Билээр замат, дароо Баочэнге кабарлап, чын ыкыластан чогуу акылдашып, жагдайга жараша иш жасады; башынан аягына дейре ынтаа көрсөттү; мунусу абдан дурус болду. Алкообузду билдириш үчүн кайырыбызды арттырып, бэй-сэ мансабын ыйгардык.

Андан сырткары, Ацимунун (Акимдин) Яркендге караштуу Сарыкол деген жерде жашаган иниси Куньчукту издеп таап, камакка алышты жана аны Кашкарга жөнөтүштү Аянга айттырып жибергенин Баочэн кабарлады. Мындай кылыштын кажети жок. Бул иш Сарымсак жиберген Токто-сопу уйгурду Эмур жаап-жашырып койгонунан башталган.

16б Ациму (Аким) иниси башына балээ үйөрүнөн коркуп кетип, Осмонго жалган жерден жалаа жаап, бу сапар кеңкелестик кылган. Өзүнөн күнөөнү оодарып салгысы келген; анын жазыгы, арийне, анча деле оор эмес. Ацимуну (Акимди) адеп алып келишкенде, мен ал башынан пейили түз, ынтаалуу адам экенин эстедим; демек, аны теске салып, кечирип койсо да болот. Анын кичүү иниси Куньчук тууралуу айтсак, башка жакта жашагандыктан, бул ишке тиешеси жок. Жаңылып-жазган агасы болсо, анан инисин кошуп, экөөнү тең чырга аралаштыргандан эмне пайда? Ырас, аны кармаган соң, эми же Яркендге, же Кашкарга жеткириш кажет. А Аянга болсо, Баочэн иштин жөн-жайын жакшылап жылуу-жумшак түшүндүрүп, конуш журтка кайтып, тапшырылган жумуштарды демейдегидей эле аткара беришке буйрук этиши керек. Бул иш боюнча жалгыз гана Эмур жазаланууга тийиш.

17а Ацимуга (Акимге) кечирим бериле турган болгон соң, а тууралуу бүт жер-жерге жар салып, ал эми ага караштуу он тогуз тайпа-журт буруттарына эч күдүктөнбөй, коркпой-үркпөй өз ишиңерди жасап, тынч-аман жашай бергиле деп жарлык жарыялаш ылазым.

Ошондой эле Кашкар менен Хами арасындагы дачэндердин кеңселерине, Ациму (Аким) жеткирилген кезде, мен ага кечирим бергенимди, демек, адегенде жакшылап түшүндүрүшкө аракет жасап, катуу жазалаштын кажети жок экенин эске алышты эскертип, буйрук жөнөтүү зарыл.

Андан сырткары, Баочэн билдирет: бурут Доляндын (Төлөн?) даражасын көтөрүп, калпагындагы чок белгисин алмаштырышты сурайт. Өтүнүчкө ылайык, анын чени жогорулатылып, чок белгиси жана ботокуру алмаштырылышка уруксат этилсин. Дагы, келип түшкөн өтүнүчтөргө ылайык, Ташмилик бегинин жана башкалардын бардык иштери орундалсын.

Бул иш бүткөрүлгөндөн кийин, 19 тайпа-журттун ишин жүргүзүшкө жумушка жөндөмдүү бурут шайлансын.

17б Баочэнге берип жиберилген өзүнчө көрсөтмөдөн тышкары бүт көчүрмөлөрү кол коюп алыш жоопкерчилиги менен жөнөтүлдү. Мен бардык ишти өз убагында адилет бүтүрөм, демек, ошого тете натыйжага жетишем. Кокус Ацимуну (Акимди) борборго жеткириш керек болсо, чыныгы себеби жана болгон иштер ачык көрүнүп турган соң, ошондой орундаш зарыл. Ошондо гана узак мезгил бою бакубат жашоо болот. Ушундай көрөгөч көсөмдүктү жана кеменгерликти эмне үчүн бардык мансап адамдары өздөштүргөн эмес?

Маалым болгондой, бул иштин чоо-жайы даңктуу аскер жуңгарларды багындырган кезден башталат. Уйгурлар бүт чарба иштери менен алек болушуп, тынч жашап атышкан. Борониду-кожо гана биздин жакшылыгыбызга чын ыкыластан ыраазы болуштун ордуна, чыккынчылык кылып тополоң баштап, келдеси кесилди. А кезде анын уулу Сарымсак 3–4 жашта болучу. Аны эмчек энеси Анжияндан ары карай тымызын алып качып кеткен. Анда мен ак дилимден боор ооруган элем.

Өкүмдардын чексиз асман сыяктуу жан-жаныбардын жыргалчылыгына шарапатын тийгизген жароокер мээршапкаты менен жакшылыгы камашка жана өлүм жазасына тартышка жол бербейт. Анын айкөлдүгү бүгүнгө чейин чалкып турат.

18а Сарымсак азыр 30 жашта; оокат-орозгери жок, селсаяк жакырга окшоп жашап жүрөт. Эгер ал эбак эле биздин жакшылыгыбызды билип, чын пейилден баш ийип, кечирим сурап келгенде, биз сөзсүз аны сый-сыяпатка карк кылып, тамак-аштан, кийим-кечеден өксүтпөй, колдоп алат элек.

Осмон учурдан пайдаланып, аны жок кылгысы келип, жаңы эле Баочэнге жашыруун билдирүү жибериптир. Канткен менен мен Сарымсакты жок кылыш – бул көкөтеңир жалгаган бийликтин кең пейилдигине сыйбаган жорук болот деп эсептейм. Азырынча ырайым кылып, боор ачып, Сарымсакты борборго кабыл алуу каадасына кел деп чакырыш керек. Келсе, кайырыбызды арттырып, бейпил турмуш ыракатын тартуулайбыз.

Күтпөгөн жерден Сарымсак акылынан айнып, акмактык кылды; күмүш-зер алышка азгырып, Кашкардын уйгур бегине кат жеткиришке тымызын адам жөнөттү.

18б Кайрыет, Осмон байкап калып, териштирип чара көрсүн деп, түздөн-түз Баочэнге билдирди. Аны менен катар, Ацимунун (Акимдин) иниси Эмурдун айынан, (Сарымсактан) кат алып келген уйгур Токто-сопунун айыбы ачылды. Ошондой эле териштире келгенде, айрым нерселери Осмон аркылуу ашкере болду. Ациму (Аким) иштин чоо-жайын түшүнүп, иниси Эмур кутулгус куяга калганынан эси чыгып, өз кезегинде Осмонго жалаа жапты. Ациму (Аким) менен Эмур чын эле ушул ишке барышкан болсо, Ацимунун (Акимдин) жанынын тынчтыгын көздөп, Осмонду атайлап жамандашса, демек, бул дегеле боор ачышка таптакыр татыксыз жосунсуз жорук. Көңүлгө төтөк жалгыз ой – Ациму (Аким) деген бар болгону билимсиз бир дөдөй бурут экен; андыктан мен айрыкча кең пейилдик кылайын деп атам.

Бул иш бир адамдын – Эмурдун арамза ниетинен улам келип чыккан. Камакка алып, борборго жеткиргенден кийин бир адам Эмур жазага тартылды. Ацимута (Акимге) артыкча кайрым көрсөтүп, кечирим бердик, ошондой эле үй-оокат менен камсыз кылдык. Тууган-туушкандарын алып келип, чогуу-чаран тынч оокатыңарды кылгыла дедик. Ошондой эле көрсөтмө бердик: Баочэндин кабарына караганда, Ацимунун (Акимдин) өзүнчө жашаган иниси Куньчукту таап келип камап коюшкан; ал эми Чоктонун айтымында, Ацимунун (Акимдин) туугандары – бурут Эсен менен Асанбайды туткундап, абакка салышкан, баарын тең бошотушка буйрук этилди. Баштагысындай өз милдеттерин өтөй беришсин. Бул эмне жок жерден ырчырга аралаштыруу деген нерседен алыс турган ашкан адамгерчилик эмес бекен.

Бул ишти Чокто баштан-аяк өз мойнуна жүктөп, аткара албады. Баочэн дагы айтылган амирди гана тутуп, Ацимуну (Акимди) туткундап, борборго жөнөтүп тим болду. Атургай алар көңүлгө карап ишти басып коюшту көздөшкөн күндө да, баары бир эртеби-кечпи тополоң чыкмак.

19б Маселен, эртеңки күндө Шинжаңдын (Синьцзян) ар кайсы жеринде керилип кеңсе ээлеп олтурушкан дачэндер ушундай ишке туш болуп калышса, аны кантип чечишмекчи. Чокто мен дайындаган цаньцзань дачэнь. Эгерде дал ушинтип начар башкарса, эгер камабаса, сурак кылбаса, айыпты ачпаса, анда кантип эл алдына алып чыгып жаза тарттыра алат?

Баочэн билдиргендей, бул ишти мен эң башынан тартып эле таасын талдагамын. Ацимуну (Акимди) туткундап, борборго жөнөтпөсө, күн-түн кашайып талыкпай насаат айтып, акыл-эсине келтирбесе эч болмок эмес. Азыр эми иш бүткөрүлдү, демек, өлкөнүн ичиндеги да, сыртындагы да мансап адамдары аны менен толук таанышып чыгышса болот. Бул иштин жүрүшүн башынан-аягына дейре төкпөй-чачпай ачык баяндап, көрсөтмө бериш зарыл. Ичкериде да, сыртта да бүт бардык жерде маалымат үчүн жарыялансын.

1207-бап

5-ай

11б Императордун дагы бир жарлыгы.

Үстүбүздөгү жылдын (1784-ж.) 3-айынын 12-күнү, Кашкардагы баныпи дачэнь Баочэндин кабарына караганда, мурда тополоң чыгарып, келдеси кесилген айтылуу

12а Борониду-кожонун уулу Сарымсак Кашкардын чегинен сырттагы Самаркан жеринен өзүнүн жакын жан-жөкөрү Токто-сопу уйгурду Кашкарлык уйгур Сапар молдо менен купуя жолугушуп, жашыруун кат-кабар беришке жана азгырып күмүш-зер алдырышка тымызын жөнөткөн. Мен а кезде Сарымсак алыс жакта баш пааналап, колунда жок тентимиш томоякка окшоп оокат кылып жүргөнүн көңүлгө алган элем. Анын кашкарлык уйгурларга жиберген каты күмүштөн жасалган буюмдарды азгырып алдырыш максатын гана көздөгөн. Арийне, мен кат алган адамды да, жана ошондой эле Сарымсак кат берип жиберген Токто-сопуну да камап жазаладым. Бул жетиштүү эскертүү. А бирок бурут саныни дачэни Ацимунун (Акимдин) иниси Эмур өзү билемдик кылып, Токто-сопуну жаап-жашырып койгон. Кашкардын хакимбеги Осмон туюп калып, түз билдирген. Ациму (Аким) биздин кайырыбыздын чайырын чыгарып, башына балээ үйүп албасын деп чочулап, инисин гана калкалашка далбас урган.

Андан тышкары, Янги-Гиссардын хаким-беги Алим да Сарымсактан жашыруун кат алган. Анан билип калса, Осмон оңдурбай салбасын деп коркуп, Ациму (Аким) экөө аны озунуп жаманатты кылмакчы болушкан. Ошол максаттан улам, Осмон дагы мурдатан Сарымсак менен тымызын кат-кабар алышып жүргөн деп, анын үстүнөн Баочэнге ушактап, удаасы менен кат жолдошкон. Баочэндин аркасы менен бул бөйдө чагым экени аныкталган. Уят-сыйытты билбеген Ациму (Аким), ал аз келгенсип, дагы өзүнүн уулу Яньцини кошуп алып, Осмонду жамандап Ушка Чоктого даттанып барган. Ал убакта Чокто бир жаңсыл чечишке эч шашылган эмес; жаны ачып жараштырышка арачы түшүп гана тим болгон.

13а Баочэнге жолугуш үчүн Ациму (Аким) менен чогуу Кашкарга барып, Ацимуну (Акимди) жана Алимди Осмондун алдында айыптарын моюнга алып, кечирим сурашка үгүттөгөн. Ошентип ишти бүтүрүп, маалымат билдирген.

Жасалган иштин баары тең эң эле натуура болгон. Баочэн бул иш тууралуу эң башында адеп билдиргенде эле мен кунт коюп баамдап көрүп, эгер Ациму (Аким) камалып жаза тартпаса, жакын арада чыр чыгарбай койбойт дегемин. Талаптагыдай тартипте көрсөтмө бергемин; Ацимуну (Акимди) камап, борборго жөнөтүшкө, кажыбастан кайракайра акыл-эсине келтиришке буйрук эткемин; жагдай ошондо гана оңолорун эскерткемин. Жакында Баочэн акыры Ацимуну (Акимди), Алимди жана уйгурлардын ишине катышы бар калган белгилүү адамдарды кармады, бүт баарын камакка алып, сакчыларга айдатып борборго жөнөттү. Баочэндин ушундай кылганын угуп алып, Чокто чочуганынан чакчелекей иш жасады.

13б Бул ишке эч тиешеси жокторду жакшылан жубатып, баштагыдай эле өз жумушуңарды аткара бергиле деш абзел. А Чоктону болсо, кызматтан бошотуп, камакка алып, борборго жөнөтүп, айыбын аныкташ үчүн Кылмыш жана Жаза министрлигине өткөрүп берүү зарыл.

Чокто кабарлагандай, бул көрсөтмө келип түшкөнгө чейин, атайын жиберилген адам Эсенди барып кармаган убакта, анын ою-дили ак болгон; ал ошондой эле бул чырчатакка Ациму (Аким) тарабынан тартылганын, аны аябай жек көрүп калганын айткан. Азыр борборго кабыл алуу каадасына келмекчи болуп жатат. Ошондой эле экинчи жагынан, (Эсендин) урук-журтундагы буруттарга аны Осмон менен болгон ишке Ациму (Аким) аралаштырганын, атүгүл чыр-чатак чыгарышка азгырганын ачык айтып, түшүндүрүш кажет.

14а Алаңгазарлык кылып, күдүк туудурушка жана чалмакей чалып, чалды-куйду иштерди жасашка жол берилбесин. Буруттардын ичинен Эсен чындыгында да акыл-эстүү жана жоош, момун адам. Мурда сый-сыяпат көрс өтүп, жибек тартуулаганбыз; ошондой эле даражасын көтөрүп, калпагындагы чок белгисин алмаштырганбыз.

Аны журтуңа кайтып кете бер дедик.

Буйрукка ылайык иш жүргүз деп, буга дейре Хайлута канча айттык. Ацимунун (Акимдин) иниси Куньчук камалганы жөнүндө Баочэн билдирген маалыматты мен эске алдым. Аны чатакка аралаштырбаш үчүн, тезинен бошотушка буйрук бердим. Бул иште Осмон Ациму (Аким) аны жамандап койгону үчүн гана коркумуш болуп, анткорлонуп жаткан жок. Дайыма берилип кызмат өтөп келген; Баочэнге Ацимуну (Акимди) камашка жардам берген; андыктан алкообузду билгизиш үчүн сый көргөзүп, бэйле мансабын ыйгардык. Баочэн болсо, башында Чоктону колдоп, Ацимуну 146 (Акимди) бошотуп жиберген. Чындыгында да, күнөөсүн моюндабай коё албайт. Менин буйругумду алган убакта Ацимуну (Акимди) кармап жөнөтсө болмок. Ойдогудай орундаганда, жаза тарттырыш үчүн тийиштүү министрликке табышталбайт эле. Ошондуктан жакшы кызматы үчүн сыйлаш жана кыянат кылмышы үчүн жазалаш эрежеси так сакталса, бардыгы тең жасаган ишине жараша өз энчисин алат.

Баочэндин жөнүн айтсак, ал Ацимуну (Акимди) камап жөнөткөндөн кийин, анын уулу Яньци шек алып калып, тымызын качып кетти. Анда артынан куугун салып, адам чаптырыштын анча кажети жок болчу. Антиш ордуна Баочэн артынан уйгур беги Хутулук-мотаны куугунга жиберип, аны Яньци өлтүрүп салды; анан кайра туруп, Яньцини кууп жетип, жок кылышка Ушка офицер кошуп жоокерлерди атказмакчы болду. Мунун баары өтө эле аша чапкандык.

Маалымат билдиришээр замат, мен Хайлуга көрсөтмө бердим. Баочэн жабыр тарткан уйгур үй-бүлөсүнө жардам катары тартуу берип, тийиштүү түрдө көңүл айтты.

15а Яньци жалгыз өзү качкан күндө да, аны кармаш үчүн жоокерлерди жибериш кур бекер убарачылык. Жоокерлер жөнөтүлгөнү жөнүндө кабар угуп алып, Чокто эмне үчүн жеңил ойго жетеленип, алаңгазарлык менен жер-жерде офицерлерди жана жоокерлерди даярдык абалына келтиришке Илиге, Үрүмчүгө, Ушка кат жүзүндө буйрук берип жиберген. Билдирген жоругуңар – бул барып турган сандырактык. Ага тез аттанып чыгып, токтотушка буйрук бердим. Мен ушундан улам, бу не деген таң каларлык буйрук деп, өкүнүчкө батып кейип турам. Кашкардын баныни дачэни Фулунун кабарына караганда, Баочэн атказган тыргоот жоокерлери жолдон токтотулуп калган. Жиберген билдирүүсү эң сонун; дачэнь менин тапшырмамы алды; эсеби, Фулу талап кылынган милдетти ойдогудай орундап, өз убагында билдирсе болот; ошондо кызматка жарактуу экенин далилдейт.

Ацимунун (Акимдин) камалыш жана борборго жөнөтүлүш жөнүнөн чыккан тыянак: кызматкерлердин бүт баарысы тең коркоктугун коюша элек экен, демек, эч качан ишти жакшы өздөштүрүп, ажатын ачып кете алышпайт; ашыкча көңүлчөөктүк көрсөтүп, көндүрүп, жоошутуп жайгаргандан башкага жарашпайт. Мисалы, Агуй менен Илэту адеп башынан тартып эле өз иштерин бир жаңсыл кылышты каалашкан жок жана ага аракет да жасашпады.

Ушу кезде Яньци качып кетти; артынан куугунга жиберилген уйгур беги дагы жабыр тартты. Ациму (Аким) эмне үчүн камалган себебин бир гана Чокто эмес, Агуй менен Илэту дагы билишке тийиш болучу. Муну алар да угушкан эле. Бул иш жаңы чыкканда, Ацимунун (Акимдин) камалышы Яньцинин качышына алып келээрин ким ойлоптур. Башынан эле бул мага караштуу иш болучу; тайсалдабай так кесип ачык айтайын, чындыгында да, мага тиешелүү маселе болучу.

28б Бурут саньши дачэни Ацимуну (Акимди) камап, суракка алуу иши боюнча Императордун амири.

29а Иштин чоо-жайы мындай, анын иниси Эмур тымызын Сарымсак менен байланышып баштаган. Эгер Ациму (Аким) Эмурду колго салып бергенде, мен, сөз жок, кең пейилдик кылып, анын күнөөсүн кечирип коёт элем. Антиш ордуна, инисин калкалап, дароо Алим экөө биригип алышып, ал дагы Сарымсак менен купуя байланышып жүрөт деп, Осмонго жалаа жабышты. Териштире келгенде, бул Ацимунун (Акимдин) карандай калп ушакчагымы экени ачык болду. Өкүнөөр болду бекен десек, кайра качышты ойлой баштады. Андыктан аны камап, сурак жүргүздүк. Уулу Яньци болсо жазадан коркуп, заматта качып жоголду. Кашкардын дачэни билдирүү жөнөтүп, кууп жетип колго түшүрүшкө жана ошондой эле ага жардам берген буруттарды бүт кырып жоюшка сан түмөн аскер атказышты сурады. Мунун бардыгы аша чапкандык.

Буруттар баш ийип беришкенден тартып, эбактан биздин ылым санаган ырайымдуу ымалабыздын үзүрүн көрүп келишүүдө. Яньци деген бир адамдын айынан үй-бүлөнүн бүт мүчөлөрүн курутуш мен үчүн өтө оор.

29б Ошондуктан буруттардын адигине уруусунун бийи Ертебайга аскер атказышты токтотушка буйрук эттим. Яньцини кууп жетип, туткундашка анын бир тууганы Артибайды кошуп кол атказдык. Мен абдан курсантмын, жибек тартуу кылдым. Эгер кармай алышса, албетте, сыйымды дагы ашырам. Кармай алышпаса, мейли, жазалабайм. Эгер амирибиз таркатылбаса, анда менин ырайым кылып, боорукер болоюн деген ой-ниетими көңкү бурут кантип билет?

Айтылгандын баарысы Хайлу менен Баочэнге табышталсын. Бу жарлык бурут тилинде жазылып, бүткүл бурут бийлерине таркатылсын. Аларга тапшырма: бүт жер-жерлерде, чегара кароолдорунан ичкеридеги жана сырттагы бүткүл бурут урук-журттарына ар дайыма менин ылым санаган ырайымдуу ымаламдын шарапатын көрүш үчүн эч чочулабай, кадимкидей өз оокатыңарды өткөрө бергиле деп жар салышсын.

39а Императордун жарлыгы.

Кашкардын баныпи дачэни Баочэндин кабарына караганда, буруттардын адигине уруусунан Ертебай буйрукту жетекчиликке алып, өзүнүн бир тууган агасы Артибай, иниси Шамирчжа, Баочэн жиберген 6-даражадагы хакимбек Шабату болушуп чогуу үч миңден ашуун бурут атчандарын баштап, каармандык менен артынан сая түшүп, Яньцини жана Эмурдун уулу Хочжомуярдын адамдарын (эркектаналарын, аялдарын, балдарын), ошондой эле Яньциге кошулуп жүрүшкөн анын бүт тарапкерлерин кууп жетип кармашкан.

39б Ушундай болорун мен тээ башында эле болжоп билгемин. Бурут саньши дачэни Ациму (Аким) камакка алынгандан кийин аны угуп, уулу Яньци качып жоголгон. Дегинкиси, мунун анчалык деле мааниси жок болучу. Ал эч кандай калайман баштай албасы да белгилүү эле. Ошондуктан чуулган салып, аскер атказылбасын, өзүнөн өзү колго түшпөй койбойт деп буйрук этилген. Өкүмдардын жарлыгы жарыяланды. Эми адигине уруусунан бурут Ертебай биздин сыйыбызга терең ыраазы. Кашкар дачэнинин жарлыгын ызаттап кабыл алып, өзүнүн бир туугандары менен бирге үч миң атчанды баштап, Баочэн жиберген Шабату хаким-бекке келип кошулган. Яньцини кармашта каармандык көрсөтүштү, чындыгында да, тез колго түшүрүштү. Ыраактагы бурут урук-журттары ушундай чын ыкыластан ынтаа көрсөткөнү көңүлдү көтөрөт. Мен эң бир курсантчылык менен Ертебайга деген сый-сыяпатымды ашырмакчымын: ал чок белгиси жана экинчи даражадагы ботокур менен сыйлансын; саныпи дачэнь мансабы ыйгарылып, калпагына тагышка түстүү канат тартуулансын. Анын агасы Артибай, иниси Шамирчжа – экөө тең чок белгиси жана үчүнчү даражадагы ботокур, ошондой эле түстүү канат менен сыйлансын. Дагы Баочэнге табышталсын: ал казынадан акча алып, Ертебайга 5 күмүш жамбы, Артибай менен Шамирчжага 4 күмүш жамбы тартуу кылсын. Андан тышкары, алкообузду билгизип, Яньцини колго түшүрүштө ынтаа көрсөтүшкөн буруттарды сыйлаш үчүн Ертебайга 20 күмүш жамбы берилсин. Бул колго түшүрүлгөн Яньци, Эмурдун уулу Ходжомуяр жана башка бир канча коркунучтуу кылмышкерлер, ошондой эле Ациму (Аким) менен Эмурдун калган туугандары, Кашкарга топ-топко бөлүштүрүлүп жеткирилди.

40б Чыйрак шивэйлерди (офицерлерди) жана жоокерлерди иргеп алып, сакчылардын кайтаруусу астында улам кезектешип, коштоп жүрүп отурдук: үч кудуктан чегара чөлкөмүн бойлоп жол менен атчан өкүмдарлардын (Жэхэдеги) жайкы кеңсесине тез эле жетип келдик. Яньцинин калган аялдары менен балдары, ошондой эле качканда аны менен кошо жүрүшкөн жан-жөкөр буруттар Ацимунун (Акимдин) өрүш журтунан колго түшүрүлгөн мал-жаны менен кошо жана азыр олжолонгон курал-жарактар бүт бойдон Ертебайга өткөрүлүп берилди.

Яньцини туткундашка жиберилген алтынчы даражадагы хаким-бек Шабату жөнүндө айтчу болсок, бу сапар чоң ынтаа көрсөттү; мунусу жакшы иш болду. Баочэнге тапшырма: жоомарттык кылып 4 түрмөк жибек менен сыйлансын. Кийин мүмкүнчүлүк болуп, бектин кызмат орду бошогондо, алкообузду билгизиш үчүн өтүнүчтү орундап, мансап даражасы жогорулатылсын.

41а Андан тышкары, Яньцини туткундап, жоокерлерди жетектеп, аны кайтарып жүргөн чоң багыш уруусунан чыккан Бошихуй (Бошкой?), ошондой эле Шабату менен бирге жоокерлерге башчылык кылып, Яньцини курчоого алып, колго түшүрүшкөн чоң багыш уруусунан бурут Хуатэ (Кубат?), адигине уруусунан йкалакчы Якэпу (Жакып?), Мурат, Гэдай (Кедей?) – баарысы тең аракетин аябай кызмат кылышты, андыктан дагы тактап тастыкташты Баочэнге тапшырабыз. Алардын баштапкы даражасы эске алынуу менен даражалары дагы бир баскычка жогорулатылсын; чок белгилери жана ботокурлары алмаштырылсын; алкоо иретинде ар бирине күмүш жамбы тартуулансын.

Бу сапар Ертебай менин сыйыма ыраазы; чын ыкыластан ынтаа көрсөттү. Мен жоомарттыгымы ашырып, ага өзүнчө белек-бечкек тартуу кылдым; бүт жер-жерлерге шардана болсун деп, мен булар туурасында жалпы буруттарга жар салышты Баочэнге буйрук кылдым.

Баочэнге келсек, Яньци качкандын айынан буга чейин чалагайым иш жасаган; а жагынан эскертүү алды.

41б Цзюньцзи дачэнге аталган уруу менен биргеликте катуу текшерип, кабар кылышка буйрук бердик. Учурда Яньцини бүт урук-туугандары менен колго түшүрүп, талаптагыдай чара көрдүк; ишти ойдогудай ийгиликтүү орундадык.

Баочэн менен Дафу экөөнү тең жазадан куткарып, кечирип койдук. Бу сапар Осмон чара көрүшкө жардам берип, такай тырышып кызмат кылды. Баочэн менен Осмонго бирден чоң капчык, экиден кичине капчык тартууладык.

Бу жарлыктар менен буйруктар, ошондой эле Баочэндин кат жүзүндөгү билдирүүсү таанышып чыгыш үчүн Агуйга, Фу Кан-анга, Илэтуга, Хайлуга жана башкаларга жиберилсин. Булардын баарысы тең ичкериге да, сыртка да маалымдалсын.

1208-бап

Цяньлун, 49-жыл (1784), 6-ай Императордун жарлыгы.

Баочэндин жиберген катына караганда, Чокто уялбастан туруп, ал жакта капылеттен башка бир себептер келип чыгышы мүмкүн; анда аскер жөнөтүш кыйын болуп калат; кокус ушундай зарылдык туулса, сес көрсөтүш үчүн Кашкарга өзүм кол баштап барам деп атыптыр. Бу деген жеткен келжирек билдирүү.

Учурда Баочэн Яньцини, анын аялдарын, балдарын жана жан-жөкөрлөрүн кошуп бүт колго түшүр деп, Ертебай бурутка буйрук берип койгон. Ертебай буйрукту орундап, Яньцини сакчыларга кайтартып Кашкарга жөнөттү жана бүт талап кылынган чараларды көрдү.

Эгерде азыр башка бир себептер келип чыкса, аскер атказыш кыйын болот; андыктан сүр кылыш үчүн каруукол жиберээрибизди жар салам деп, эмнеликтен Чокто кайра дагы айтып атат. Бу деген акылга сыйгыс жосунсуз жорук; муну кантип түшүндүрөрүңдү да билбейсиң.

Иштин төркүнү мурда ал чатакты басмак болуп, бирок уруксат алалбай калганына барып такалат. Азыр эми Ациму (Аким) менен Яньцинин туткундалышы, окуянын тез өөрчүшү, Кашкарга шашылыш аскер атказуу Ертебайды жана буруттарды шектендирет деп чочулап жаткандагысы. Кокус Яньци алыс жакка из жашырып качып кетсе, же иш оңунан чыкпай калса, эмне анын кыбасы канбайт бекен?

Андай эле күч-аракетин үрөп, аскерлерди алга баштап сазайын бергиси келет экен, башында эмне үчүн Ацимуну (Акимди) туткундаштын ордуна боор ачып, күнөөңдү мойнуңа алып, Осмондон кечирим сура деп, аны Кашкарга коштоп барат да, ошону менен ишти бүткөрүп, чатакты басып таштайт. Бирок да иш убактылуу токтотулгандыктан, тергеп-териштириштин натыйжасында төмөнкүдөй маалыматтар ачыкка чыкты: сегизинчи айга карата, аттар семирген кезде, Ациму (Аким) чыр чыгарып, Кашкарга калайман салат, демек, дагы бир жоболоңдуу иш башталат. Ушул убакта, эгер Ертебай Яньцини Кашкарга жеткиришке макул болсо, анда иш тамам. Жок, аңырткаңшаардан улам, Чокто жоокерлерди баштап алга жөнөсө чочуганым, Чокто алардын баарына тең чара колдонбой койбойт, демек, бүт буруттар коркунучка батып, күмөндөр болушат, же болбосо жүрүп отуруп, жагдай Яньцинин качып кетишине чейин жетет.

Мен сөзсүз Чоктону колго тийгизип, көпчүлүк алдында жазасын берем. Ал аз келгенсип, Чокто Баочэн менен Дафуга жолукканы Кашкарга баратам, талкуулап көрүп талаптагыдай чара көрөбүз деп, кайрадан билдирүү жиберип олтурат. Мунусу мурдагысынан бешбетер абийирсиздик эмеспи.

Менин бардык буйрук-жарлыктарым жана Чокто жиберген иш кагаздарына жазган пикир-талаптарым (резолюцияларым) кытай (ханзу) тилине которулуп, ичкериде да, сыртта да, бүт жер-жерлерде мансап адамдарына жарыя кылынсын. Иш кагаздарынын түп нускасына жазылган бул пикир-талаптар (резолюциялар) таанышып чыгыш үчүн Хайлуга берилсин жана Чоктого кайтарылсын. Азыр кокус Чокто Кашкарга келип калган болсо, Баочэн аны кызматтан алат. Жэхэге жөнөтүлсүн жана жазасы аныкталсын.

1218-бап

Цяньлун, 49-жыл (1784), 11-ай 27б Императордун жарлыгы.

Аяна билдиргендей, уялаш жана кыйыр туушкан Айчжибек, Шабэньсур, Шахэргэс, Сикэнань-бек, Шаван дилер бирин бири тоноп, арызданып атышат.

28а Кебетеси, Шавандинин урук-журту күчтүү көрүнөт, анткени бир туушкан Шабэньсур менен Шахэргэс үй-бүлөсүн алып, Сарыколго көчүшкө уруксат сурашкан. Аяна себебин билишке мираб-бек Болотту жөнөткөн. Шаванди менен Шахэргэс экөө кыйыр туушкан жана эбактан дос-жоро болушкан. Кийин Шабаньсур менен Шахэргэс Шавандинин тууганы Элибу-бекти өлтүрүп, Шакдала өрүш жайытын ээлеп алышканына байланыштуу, Шаванди анда жоокер-лерди жиберип, аларды карактап, карындашын олжолоп алган. Ошондон ар биринин ичинде кетпес кек калып, бири-бирин жамандап келишет.

Жапайылардын жосуну куштар менен жырткычтардын жоругу сыяктуу болот; көңүл буруштун эч кереги жок.

28б Шахэргэс өзү келип кабарлап, чара көрүшкө жоокерлерди жиберишти өтүнгөн. Аяна ачык айтып жемелеп, бир туугандарга убактынча Сарыколдо кыштап турушка уруксат берген; жазында кар эригенде эски журтуна кайра келишет.

Андан сырткары, Шавандинин иниси Шахэса дагы даттанып келген. Өтүнүчүнө ылайык, ага да ошол эле жерде кыштап, ал эми жазында кар кеткенде, кайра кайтышка уруксат этилди.

Шаванди менен Шабэньсурдун артынан Шахэргэс да арызданып келген. Аяна мындай деп ачык эскерткен: «Силер жалпы баарыңар Улуу мартабалуу өкүмдардын кең пейил ырайымына арзып, көптөн бери тынч-аман жашап жатасыңар. Эгерде ушинтип касташып-басташып, бири-бириңерди карактай берсеңер, эгер буруттарга кез келгенде, аларды кекетип-мокотчу болсоңор, мен дагы эч кандай жардам кылалбайм. Эмне, силерди эскерткен жок белем? Буруттар деген күч-кубаттуу; каракчылык алардын көнүмүш адаты.

29а Азыр гана Улуу даражалуу өкүмд ардын жакшылыгына ыраазы болушуп, өлкөнүн мыйзамдарынан сестенишип, талоончулук кылышка батыналбай калышты. Эгерде силер тынч жашабасаңар, ар кайсыга шылтап араздаша берсеңер, буруттар сөзсүз келбей коюшпайт, демек, учурдан пайдаланып талап-тоноп кетишээри турган иш. Андан эмне пайда? Силер өзүңөр түшүнүп, мындан ары карай жумурай журттун баары менен тең ынтымактуу болуп, тынч жашашка тийишсиңер». Мунун баары Аянага, Тэтунэге, Сатыбалдыга маалымдалып, талаптагыдай чара көрүлсүн.

1216-бап

Цяньлун, 49-жыл (1784), 10-ай 10а Императордун жарлыгы.

Аяна билдиргендей, Яньци Ниябушага барып жашынганына байланыштуу, Куньчук аны азгырышка бурут Дарбакты жөнөткөн.

Яньци – мазасыз адам. Азыр эптеп өмүрүн узартыш үчүн Ниябушага бекинди. Ушу күндө аны азгырышка шашылыш адам жиберсек, Яньци жазадан коркуп, андан ары карай качышы мүмкүн, демек, кармашыбыз дагы кыйындап калат. Аянага, Тэтунэге, Сатыбалдыга өкүмдардын буйругун берип жибергиле, бул иш боюнча чара көрүшкө киши атказышка шашылышпасын. Жазында кар эриген маалда Аяна Куньчукка адам жөнөтүп, Яньцинин кабарын билет.

10б Эгер Яньци чын эле келгиси келсе, анда кайрадан талдап, акыл калчап көрүш керек; жагдайга жараша аны азгырып алып келишке Куньчукту жибериш ылазым. Кокус Яньци келгиси келбесе, анда ал жакка аны туткундаш үчүн адамдарды атказыштын кажети жок; тек гана Яньци ошол жерде экенин бышыктап коюшка киши жиберүү зарыл. Эгер Куньчук Яньцини азгырып алып келе алса, анда мен сөз жок, сый-сыяпатка карк кылам. Азыр азгыра албай калды, арийне, анысы үчүн зекиштин кереги жок. Сатыбалды Куньчукка жашыруун буйрукту тапшырып койсун; ал ага кунт коюп, талаптагыдай чара көрсүн.

1217-бап

Цяньлун, 49-жыл (1784), 10-ай Императордун жарлыгы.

Баочэн билдирген маалыматка караганда, буруттарды тынчтандыруу иши боюнча ашыкча чаралар көрүлгөн. Буруттар көңүл бурушка арзыбайт. Моюн сунуп келгендерине тийиштүү түрдө сый көрсөтүп, калпагына такканга чок белгисин жана ботокур ыроолойбуз, муну оңой эле орундатса болот.

Ал эми кездешүүгө келишпеген бурут бийлерин чакырып, чок белгиси менен ботокур ыйгарыштын кереги жок. Алар өрүш-жайыт которуп, 1–2 бекет аралыкта көчүп-конуп, өз билгендерин жасап жатышканы утулууда. Эгер ичкеридеги (жерлерге) көчүп өтүп, Кашкардын чегара кароолдору турган чөлкөмгө кирип алышчу болсо, өзүңөр айдап чыгарышка тийишсиңер. Жок, өз өрүш жайыттарынын ичинде көчүп-конуп жүрүшсө, анда да аярлап көз салып туруш зарыл. Ушундай болбогон бир майда-барат иштерди өзүңөр эле бүткөрбөйсүңөрбү? Кокус буруттардын көңүлүнө шек туудуруп, чочутуп алсак, дагы бир балээ башталбай койбойт. Булардын баарысы Баочэнге кабарлансын. Мындан ары, ушундай көңүл бурушка арзыбаган окуялар үчүн жөнү жок дүрбөй бербегиле. Буруттарга келсек, алардын конуш журттарында ары-бери көчүп жүргөндөрү жок эмес, бар, бирок көп көңүл буруш керек эмес. Бардыгы жөнүндө Илэту менен Хайлутага маалымдалсын.

1238-бап

Цяньлун, 50-жыл (1785), 9-ай

6а–6б Баочэн бүгүн кабар кылды: буруттарга барып соода кылып жүргөн Ибраим уйгур билдиргендей, былтыр Сарымсак Асанкул бурутка жана башка дагы жети кишиге кат жибериптир деген сөз жүргөн. Борке экөө биригип алып, Кашкарды каракташмак болушкан. Азыр эч кандай аракет жок; чегарада тынч туруп, тымызын чекмелеп билиш керек. Сыягы, бул ишти эч ким колдобой койгон көрүнөт. Буга чейин Хайлу каңшаар кептерге кайдыгерлик кылып, башалман билдирүүлөрдү жиберип, өзүнөн өзү коркуп отурган. Буруттардын көңүлүн ийитиш эч мүмкүн эмес; күн мурунтан тынчытышка кам уруу зарыл.

Фу Кан-ань бул буйрукту алды; Аксуда күтүп жата бербей, Кашкарга жөнөп, буруттарды ынтымак-ырашкерликке жана тынч болушка ийиктириш ылаазым. Андан соң Ганьсуга кайтып, Цингуйду алмаштырып, аны Ушка барып, ишти колго ал деш керек.

Куйлиндин Кашкарга аскер баштап барышынын да кажети жок; а Илиде болсо, абдан жашыруун түрдө сактык чараларын көрүү зарыл. Булар тууралуу бардыгы кабардар кылынсын.

1245-бап

Цяньлун, 50-жыл (1785), 12-ай Императордун жарлыгы.

Фу Кан-ань билдиргендей, Долянь (Төлөн?) уйгурлар менен буруттарды баштап, аттарды айдай качышкан уурукескилердин артынан Хэсэлатэ деген жерге дейре кууп барып жеткен. Кесептер дароо мылтык менен аткылашып, каршылык көрсөтүшкөн. Маймадихуй уйгурдун аракети менен бир кесепти жайлашкан. Бурут Абулик мылтык менен бир кесептин атын атып өлтүргөн. Доляндын уулу Айлэтуй бир кесепти тирүүлөй колго түшүргөн. Баарысы тең аянбай аракет кылышты; алкоо билгизиш үчүн алтынчы даражадагы чок белгиси, ботокур жана кара канат менен сыйлаш мүмкүнчүлүгүн сурап көрүш керек.

Бурут Абулик, Доляндын уулу Айлэтуй, уйгур Маймадихуй (Маматкул) Долян менен бирге кесептерди кууп жетишип, мылтык атып өлтүрүштү. Дагы бир өтө курсант кылчу жери, тирүүлөй кармашты. Баарына тең марттык менен сый көрсөттүк: алкообузду билгизиш үчүн Абулик бурутка, Доляндын уулу Айлэтуй бурутка, Маймадихуй уйгурга – баарына тең алтынчы даражадагы чок белгисин, ботокур жана кара канат ыйгардык.

1286-бап

Цяньлун, 52-жыл (1787), 8-ай Императордун жарлыгы.

Таци маалымдагандай, Яньци бир канча жүз буруттарды жыйып алып, Сарыколго барып, калктын сансыз малын олжолоп, Карасуудан качып кеткен.

Кууп жетип туткундашка шивэйди баш кылып жоокерлерлерди атказдык; ошону менен бирге жолду тороп, кармасын деп айттырышка Минлянга чабаганчы чаптырдык.

Яньци сыртта кыйын кырдаалда качып жүрүп, көп бурутту жыйып, Сарыколдогу журттарды талап-тоношко барып отурат. Чындыгында да, кыянат кылмыш.

Эр жүрөк күчтүү буруттар жана уйгурлар менен чогуу кууп жетип, колго түшүрүшкө солунь жоокерлерине башкөз кылып Лаогэни жөнөттүк. Сактык чараларын көрүш үчүн Таци жана Минлян бүт жер-жерлердеги кароолдорду буйрук менен тааныштырып чыгышты. Каракташ үчүн кайра дагы келишке даашса, кармашка бүт болгон күчаракетги үрөп, өлүм жазасына тартыш керек.

1302-бап

Цяньлун, 53-жыл (1738), 4-ай 20а Императордун жарлыгы.

Шаньань билдиргендей, манжуу жоокерлерине малайлыкка Үрүмчүгө, Баркөлгө, Гученге жана башка жерлерге жиберилген кесеп элюттарды, тыргоотторду, буруттарды, уйгурларды уу бөлүп чыгаруучу жайларга которушту сурайт. Билдирүүнү колдойбуз.

Үрүмчү жана башка жерлер монголдордун жери, ошондой эле Илидеги уйгур шаарлары менен тыргооттордун конуш журттарына жакын болгондуктан, эгер элют, тыргоот, бурут, уйгур кылмышкерлери көрсөтүлгөн жайга жөнөтүлсө, оңойлук менен кача албай калышат. Ошондой эле алдын ала эскерткенге мүмкүндүк болбой атканына байланыштуу, өтүнүчкө ылайык болжолдонгон жердин ордуна уу бөлүп чыгаруучу жайга которуш үчүн, бул буйрукту Шэньси-Ганьсунун вице-губернаторуна жиберебиз. Мындан аркысында ушул буйрук жетекчиликке алынсын.

1324-бап

Цяньлун, 54-жыл (1789), 3-ай 19а Императордун жарлыгы.

Шаньань маалымдагандай, Сучжоудан Үрүмчүнүн, Ваньчан-хаонун дүкөндөрүнө жана башка дагы үч жерде сатыш үчүн ышкын жөнөтүлгөнү жөнүндө Исандан билдирүү кат келип түшкөн. Ошондой эле дүкөн ачышкан адамдар аныкталып, камакка алынган. Го Сянцинди туткундап, Лэ Баого жөнөтүшкөн.

Андан сырткары, Фу Сун кабарлагандай, Анжияндык уйгур Кахматка жана башка дагы жети адамга олуттуу айып тагып, мекенине кайра кайтарышты сурашууда.

19 б Ал эми Кашкарлык уйгур Айитэ менен Сайрамдык Маматкул уйгурга чоң күнөөсү үчүн эки айга моюндарына жыгач каамыт кийгизиш керек деп атышат.

Буга чейин Орусия белгиленген эки тараптуу эреже-жоболорду сактабай койгонуна байланыштуу, Кяхтада соода кылышка тыюу салынган. Ышкындын жайын айтсак, Орусияда – ал зарыл обкат. Мурда, соодага тыюу салынган кезде, Орусия ышкын албай калып, эси эки болгон. Азыр болсо, Шинжаңда (Синьцзян) соодагер уйгурлар менен Анжияндык мусулмандардан 10 млн. цзинь чамасында (цзинь – 0,6 кг) жашыруун алып келинген ышкын канча бир ирет табылганы ачыкка чыгууда. Бул асыресе абийирсиз соодагерлерге тийиштүү. Алар Анжияндыктар, буруттар, казакгар менен жакшы тааныш, демек, Орусияда көп соода-сатык кылышат.

20а Пайданын артынан түшүп, ички аймактардан Шинжаңга ышкын ташып келишет. Аны Анжияндык уйгурлар аркылуу Орусияга жөнөтүшөт.

Ушу тапта, Кяхтада соода жүргүзүшкө тыюу салынганына карабай, Шинжандан ышкын ташылып аткандыктан, андан эч өзгөрүш болгон жок. Ошондуктан Орусия ышкынга муктаж болуп кыйналбады. Эгер катуу чара көрүп жазалабаса, алдын алып эскертиш кыйын болот. Жашырып ышкын сатып жатышкан соодагерлерди канча товар менен кармалганына жараша жазалаш ылаазым. Го Сян-цинь жана башка соодагерлердин иши боюнча айтарыбыз, тергөө жумуштары бүт бойдон Лэ Баого өткөрүлүп берилсин. Андан соң Шинжандын бардык чөлкөмдөрүндөгү цзянцзюндар менен дачэндерге мындай буйрук берилсин: эгерде кийин Анжияндык уйгурлар мекенине кайтып барышчу болсо, аларды бекем кармап, тизгиндеш үчүн бектерине тапшыруу зарыл.

20б Ал эми кашкарлык, яркенддик, уштук, Ааксулук жана башка уйгур шаарларынан чыккан соодагерлерди ички Кытайлык соодагерлер менен бирге Лэ Баого жөнөтүп, катуу жазалаш кажет. Азыр болсо, Фу Сундун билдирүүсүнө ылайык, кашкарлык уйгур Айитэ, сайрамдык уйгур Маматкул жаза тарттырыш үчүн Лэ Баого жөнөтүлсүн.

1325-бап

Цяньлун, 54-жыл (1789), 3-ай 12б Императордун жарлыгы.

Буга чейин Орусия келишимди аткарбай, жалпы кабыл алынган эреже-жоболорду караманча этибар албаганына байланыштуу Кяхтада соода жүргүзүштү токтотконбуз.

13а Аны менен катар, жашырын ышкын ташып чыгышка катуу тыюу салганбыз. А бирок жакында пайда дегенде ак эткенден так этишкен уятсыз уйгур соодагерлери аралык алыс экенине да карабай, сатыш үчүн Шинжаңга ышкын ташып келишип, аны казактар, буруттар, анжияндыктар аркылуу Орусияга соодалашкан. Жер-жердеги цзянцзюндар менен дачэндер аркылуу текшерип камакка алдык жана катуу жазаладык. Ошондой эле деңиз портторунда да катыраң буйрук менен тыюу салдык. Орусияны мукуратыш үчүн ушул жетиштүү.

Азыркы убакта Шинжаңга зарыл малды соодалашка казактар Илип жана башка жерлерге айдап келип жүрүшөт.

Анжияндыктар казактар менен буруттардай эмес. Соода-сатык иштери менен Орусияга көп катташат.

18б Эгер Орусия ышкын албай калса, же андан үмүтүн үзсө, аларды Илеге мал айдап барбагыла деп тымызын үгүт төйт жана ал буга абдан кызыкдар. Казактар менен буруттар эң эле карапайым эл; Орусияга катташка муктаж эмес. Арийне, анжияндыктар айлакер-куу калк болушат; Орусия күмөн санап калбасын деп чочушат.

Кунт коюу менен текшерилип, болгон иштин баарысы Илидеги, Кашкардагы, Яркенддеги, Уштагы, Аксудагы цзянцзюндарга жана дачэндерге кабар кылынсын. Тымызын териштирилсин жана жагдайга жараша чара кө рүлсүн.

1346-бап

Цяньлун, 55-жыл (1790), 1-ай 29б Императордун жарлыгы.

Минлян билдиргендей, буга чейин чахарлардын (чороостордун) сияк (си-я-кэ) уруусунан акалакчы Жанболоттун (Чжаныполатэ) иши каралган. Ал кашкарлык уйгурлар менен соода-сатык жүргүзүш үчүн келишкен Анжияндык уйгурлардын миңден ашуун жылкысын тартып алган.

30а Азыркы учурда Цзинбобинь Жанболотту жана анын уулу Боркэни, ошондой эле буруттардын сарыбагыш уруусунан акалакчы Юматты (Юй-мо-тэ) камакка алып, ар бирине өзүнчө чара көрдү. Талаптагыдай жасалды.

Буруттар бири-бирин талап-тоной беришет; бул алардын башынан көнгөн адаты. Бирок ошентсе да бу сапар оголе көп адам жыйылган окшойт. Соодагер уйгурлардын миңден ашык жылкысын тийип алышкан, бу да сейрек окуя. Жазасыз калтырсак, дагы башкалары чыгышы ыктымал.

Минлян алардын камсыз жатканынан пайдаланып, жоокерлерди жиберип, Жанболотту кармап, камакка алды. Буга чындап кубаныш керек.

Минлян, Искандер – ар бири маржан жана бермет шуру, бирден чоң, төрттөн кичине капчык менен сыйланышты.

30б Босинге бир чоң, төрт кичине капчык тартууладык. Бобинге 2 түрмөк жибек, бир чоң капчык, эки кичине капчык белек кылдык. Кошо жүрүшкөн бурут бийлери менен уйгурлар да, ар бири жакшы кызмат кылышты. Чоң багыш уруусунан бурут Бошкой бийди калпакка тагылуучу экинчи даражадагы чок белгиси менен сыйладык. Черик уруусунан бурут Хутулук бийге түрмөк жибек белек эттик. Черик уруусунан акалакчы Кучук калпакка тагылуучу алтынчы даражадагы чок белгиси менен сыйланды. Кыпчак уруусунан бурут Долянь (Долон?) бийдин иниси Сатыбалды бешинчи даражадагы чок белгисине жана калпакка тагылуучу тоостун канатына татыктуу болду. Долондун уулдары Турду менен Айлэтуйдун ар бирине бирден түрмөк жибек ыроолодук.

31а Чоң багыш уруусунан Хуатэ (Кубат?) бурутка чок белгисин жана тоостун канатын; Хуньцыга бешинчи даражадагы чок белгисин жана тоостун канатын ыйгардык. Искандердин жээни Мамэнди экинчи даражадагы чок белгиси менен сыйладык. Хутулукдусы үчүнчү даражадагы чок белгисине арзыды. Буруттар Юлдашка, Лепиесыга, Толияшка, Цюй лу цюйга – баарына тең, алкообузду билгизиш үчүн алтын чок белгисин тартууладык.

Жанболоттун уулу Идиркул атасын кун төлөп куткарып алыш үчүн каракчыларды издеп табышка кайракайра көшөрүп уруксат сурап атат. Минлян Жанболоттун ишин бир жаңсыл кылбай, маалкатып турганы дурус. Жанболот тийиштүү көзөмөл астында болууга тийиш. Качан уулу кесептерди кармап жеткиргенде, кайтадан чара көрөбүз. Балким, борборго алып барып жайгаштырабыз. Эгер керек болсо, талаптагыдай чечебиз. Мына ошентип, аларды тамыры менен жулабыз; ар бир бурут эмнеден коркушту билгендей болсун. Албетте, талап-тонош иши чанда бир учурайт. Басыз-бий (Басыцисы) Бобинге жол көрсөткөнгө акалакчы кошуп берген.

Баарына тең жоомарттык кылыш керек; Минлянга маалымат үчүн Өкүмдардын жарлыгын жиберебиз; алкообузду билгизип, ар бир адамга бирден түрмөк жибек тартуулайбыз.

МУСУЛМАН АЙМАГЫ ЖӨНҮНДӨ БАЯН

«Хуйцзян чжи»

«Хуйцзян чжн» (Мусулман аймагы жөнүндө баян) – Суэрдэнин42 эмгеги. Москвадагы В.И. Ленин атындагы китепканада бул эмгектин эки көчүрмөсү сакталуу; алардын бири болжолдо 1785-жылы жасалган. Кыргыздар тууралуу баяндын тексттери эки көчүрмөдө тен – № 288 (438) жана № 289 (435) – бирдей экенин белгилей кетүү керек. Бирок биринчи көчүрмөдө Чыгыш Түркстан менен Орто Азия этнографиялык типтеринин сүрөттөрү жок. Алардын ичинде кыргыз эркектери менен аялдарынын сүрөтү болгон.

«Хуйцзян чжинин» биринчи бөлүгү Чыгыш Түркстандын жаратылыш шарттарын сүрөттөп жазууга арналган. Анда кыргыз конуштарынан Аксуга, Кашкарга, Яркендге, жана башка шаарларга баруучу жолдор көрсөтүлгөн. Экинчи бөлүктө Чыгыш Түркстандын жергиликтүү калк ынын коңшулаш көчмөн уруулар жана элдер менен болгон соода-сатыгы тууралуу маалыматтар келтирилген. Төртүнчү бөлүктө Кашкар, Куча, Аксу, Үч-Турфан, Яркенд сыяктуу шаарлардын айланасындагы цинь кароолдору тууралуу баяндалган. Бул бөлүктүн акырында айрым жерлердин жана «сырттагы жапайылардын», анын ичинде казактар менен кыргыздардын кабары баян далган.

Көрсөтүлгөн кол жазмалардын материалдары (Цин хроникаларынын маалыматтары менен биргеликте) Цин аскеринин Жуңгар хандыгына каршы согуш аракеттери башталардан алда канча илгери эле кыргыздар өздөрүнүн мурдагы көчүп-конуп жүргөн жерлерине кайтып келишкени тууралуу айтууга мүмкүндүк берет. Или чөлкөмүндө Цин аскерлери кыргыз конуштарына бир канча ирет туш келишкен. Ошондон улам манжуу-кытай аскерлерине кез келип калуудан качып, кыргыздар кайра-кайра журт которууга мажбур болушкан.

XVIII кылымдын биринчи жарымында оң жана сол канат кыргыз уруулары азыркы Кыргызстандын аймагында, Памир менен Каратегинде жайланышкан; айрым уруулар Илиде жана Чыгыш Түркстандын батыш чөлкөмдөрүндө көчүп-конуп жүрүшкөн. Феодалдык бытырандылыктан улам, кыргыздардын мамлекеттик бирикмеси болгон эмес.

XVIII кылымдын ортосунда манжуу-кытай аскерлери Чыгыш Түркстанды жеңип алгандан кийин, Цин империясынын ээлеген жерлери кыргыз конуштарына ирегелеш болуп калган. Цин ордосунун баскынчыл тышкы саясаты кыргыздарга, казактарга жана башка Орто Азия калктарына реалдуу коркунуч туудурган. Алардын айрымдары Россия менен тыгыз саясый жана экономикалык байланышта болушкан.

Жуңгария менен Чыгыш Түркстандын каратылган аймактарында циндер бир далай аскер күчтөрүн кармап турушкан. Бардык шаарларга кароол аскерлер жайгаштырылган, ал эми негизги соода жолдоруна туруктуу жана көчмө кароолдор (калундар) коюлган.

Каратылган аймакты кайтаруу, жергиликтүү калкты көзөмөлдөө жана тышкы байланыштарга байкоо жүргүзүү зарылдыгынан улам аскерлер ушундай тартипте жайгаштырылган. Кайтаруу, көзөмөлдөө жана текшерүү милдетин туруктуу кароолдор аткарган. Ал эми Орто Азиядан Кашкарга, Үч-Турфанга, Аксуга жана башка шаарларга баруучу башкы соода жолдоруна жайгаштырылган кароолдор орто азиялык көпөстөрдүн Чыгыш Түркстанга келип-кетишин көзөмөлдөшкөн; бажы салыгынан качкан контрабандалык соодага бөгөт коюшкан. Маселен, Кашкар дубанында көп кароолдор турган. Алар адатта башкы калаадан 60 чакырым ашпаган радиуста жайгаштырылган. Кароолдордун көзөмөлүнөн тышкары калган жерлерде Цин империясына карабаган көчмөн калктар көчүпконуп жүрүшкөн. Эскерилген булактар күбөлөгөндөй, кыргыз уруулары Аксу, Үч-Турфан, Кашкар, Яркенддин түндүк, түштүк жана батыш тараптарында гана көчүпконушпастан, ошондой эле бул шаарлардан кыйла ыраак түндүк-чыгыш, түштүк-чыгыш багыттары боюнча да жер оодарып турушкан.

4-бап Бажы күзөттөрү.

Түркстанга үч тараптан – батыштан, түштүктөн, түндүк төн ар уруу жапайы тайпа-журттардын өкүлдөрү келишет. Тартип орноткондон кийин 10 жылдан ашуун мезгил ичинде тынччылык өкүм сүрүп, соодагерлер өз иши менен алек болушту. Бирок жаңыдан белгиленген чегара ичтен да, сырттан да жакшылап күзөтүштү, келипкеткендерди тескеп текшеришти талап этет. Ошондуктан цзянцзюнь жалпы жарлыктын негизинде чөбү жана суусу мол жайлуу орундарды тандап, сырттагы жапайылар (вай-и) жашап турган конуштарга өтүүчү жол тоомдоруна кароол коюу буйругу менен жер-жерлерге циньчай дачендерди жөнөттү. Жай алып жайгашкыла деп жоокерлер менен офицерлерге жана уйгурларга баш кылып шивэйлерди жиберди. Аларга берегидей тапшырма берилди. Чалгын чалып, мерчемдүү жана орчундуу жерлерге чакан күзөт коюу кажет. Андан тышкары, сырттагы 9 жапайы тайпа-журттун баарысын байкап бакылаш үчүн эки күзөт аралыгындагы жол ортосуна, же болбосо жолдун айрылышына таш белги (?) орнотуу зарыл. Буруттар менен казактар соода-сатык кылганы келишкен кезде, баарысы тең күзөткө барышып, шивэйге жөн-жайларын ачык-айкын айтууга тийиш. Териштирип текшерген соң, ар бир шаардын даченине кабарлашып, узатып барышка жоокерлерди кошуп беришет. Иштери бүтүп, кайтарында чегара күзөтүнөн чыгып кетишке уруксаты бар-жогун текшеришет. Чегараны кайтаруу мыйзамы бардык жерде катуу сакталышы парз. Төмөндө офицерлер менен жоокерлердин саны кошо көрсөтүлгөн чегара күзөттөрүнүн аттары тизме түрүндө берилет.

Карашаарга караштуу 6 чегара түйүнү:

  1. Хэбуцихай
  2. Тэбуэргу
  3. Чачжитунгу
  4. Аэрхунь
  5. Хуншанькоу
  6. Буэрту

Кучага караштуу 4 чегара түйүнү:

  1. Янсаэрден түндүктө-Уласыту
  2. Тохэнайдан түндүктө-Томулук
  3. Кучадан түндүктө-Эсыцибош
  4. Хэсээрден түндүктө-Тэчиэртула

Аксуга караштуу чегара күзөтү:

Егэрлиньди – шаардан 180 ли түндүк-чыгышта жайгашкан чегара күзөтү. Түздөн-түз түндүк тарапка, Илиге кетүүчү жолго, түндүк-чыгышта – Байченге байкоо жүртүзөт.

Уш шаарына караштуу 4 чегара күзөтү:

  1. Битэли; шаардан 50 ли түндүк тарапта.
  2. Тоодон Илиге карай кетүүчү жолду көзөмөлдөш үчүн түпөтүз 50 ли түндүк тарапта, Тарчи деген жерге чакан күзөт коюлган.
  3. Эки кароолдун кайгуулдары өз ара кабарлашып туруш үчүн түпөтүз 20 ли түштүк тарапта, Юеэрсусы деген жерге таш белги орнотулган.
  4. Хэгуэрлук күзөтү – шаардан 50 ли түндүк-батышта.

30 ли түштүк-батышта, Чашцилинь деген жерде капчыгай аркылуу буруттарга баруучу жолго байкоо жүргүзүш үчүн чакан күзөт коюлган. 80 ли түштүк-батышта, Шату күзөтүнөн жарым жолдо, Юйсукаш деген жерге эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги коюлган.

  1. Шату күзөтү – шаардан 80 ли түндүк-батышта жайгашкан.

Түпөтүз 50 ли батышта, Холому деген жерге буруттарга баруучу Бедел ашуусун карай кеткен жолду көзөмөл дөш үчүн чакан күзөт коюлган.

  1. Түпөтүз 80 ли түштүктө, улуу дайранын боюнда Ицисы күзөтү жайгашкан; ошондон улам экиге бөлүнгөн күзөттөр дайранын өйүз-бүйүзүнөн орун алган.
  2. Ицисы күзөтү шаардан түпөтүз батышта 90 ли аралыкта. Түпөтүз батышта, 20 ли аралыкта, Башяхэму деген жерге Кашкардын жанындагы буруттарга карай кетүүчү дайранын түштүк жагындагы чоң жолду көзөмөлд өш үчүн чакан күзөт коюлган.

Кашкарга караштуу 10 чегара күзөтү:

  1. Аэрху күзөтү – шаардан түпөтүз 120 ли түндүктө. 1 шивэй, 17 манжуу жоокери, 19 хуйцзы (уйгур, мусульман) жайланышкан.

30 ли түндүк-батышта, Ацик деген жерге буруттарга баруучу тоо жолуна байкоо жүргүзүш үчүн чакан күзөт коюлган.

Түпөтүз 20 ли түндүктө, Илиньнухэкэцинь деген жерге буруттарга кетүүчү жолду көзөмөлдөш үчүн чакан күзөт жайгаштырылган.

Түпөтүз 70 ли чыгышта, Баэрчен деген жерге Уштагы буруттар менен Илидеги казактарга карай кетүүчү Салиньду – Сохунь жолун бакылаш үчүн чакан күзөт коюлган.

Түпөтүз 100 ли батышта, Юйсыту-Аэртуш күзөтүнө баруучу жарым жолдо эки күзөттүн кайгуулдары үчүн таш белги орнотулган.

  1. Юйсыту-Артуш күзөтү – шаардан түпөтүз 80 ли батышта. 1 шивэй, 18 манжуу жоокери, 13 уйгур (иер.) жайланышкан. 20 ли түндүк-батышта, Цигэмань деген жерге буруттарга баруучу Телек жергесиндеги жолду бакылаш үчүн чакан күзөт коюлган.

Түпөтүз 25 ли түндүктө, Чиекташ деген жерге буруттарды карай кетүүчү Тому жергесиндеги жолду көзөм өлдөш үчүн чакан күзөт жайгаштырылган.

30 ли түндүк-батышта, Акташ деген жерге Анжиянга жана сырттагы башка жапайыларга баруучу Минюер тоо жолуна байкоо жүргүзүш үчүн чакан күзөт коюлган.

Түпөтүз 80 ли батышта, Муш күзөтүнөн жарым жолдо, Сэлэк-чурлук деген жерге эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашыш үчүн таш белги орнотулган.

  1. Муш күзөтү – шаардан 100 ли түштүк-батышта. 1 шивэй, 15 манжуу жоокери, 13 уйгур жайланышкан.

30 ли түндүк-чыгышта, Акташ деген жерге Хацзигуй гэби аркылуу буруттарга кетүүчү жолду көзөмөлдөш үчүн чакан күзөт коюлган.

40 ли түндүк-батышта, Кабука деген жерге Кэсарминцитэ жергесинен Анжиянга жана буруттарга баруучу жолго байкоо жүргүзүш үчүн чакан күзөт жайгаштырылган.

70 ли түштүк-батышта, Уланьсу деген жерге буруттардын конуш журттарынан Анжиян буруттарын карай кетүүчү жолго көзөмөл болуш үчүн чакан күзөт коюлган.

Түпөтүз 70 ли түштүктө, Упаэр күзөтүнөн Улатэ жергесине баруучу жолго эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

  1. Упаэр күзөтү – шаардан 130 ли түштүк-батышта. 1 шивэй, 10 манжуу жоокери, 8 уйгур жайланышкан. 40 ли түндүк-батышта, Упалатэ деген жерге Булутухуйдан Алайга, ошондой эле буруттардын конуш журттарына жакын жайгашкан түштүк жана түндүк башкы бажы күзөтүнө баруучу жолду бакылаш үчүн чакан күзөт коюл ган.

15 ли түштүк-батышта, Юйдубаш деген жерге Упалатэден Алайга кетүүчү жолду көзөмөлдөш үчүн чакан чегара күзөтү жайгаштырылган.

Түпөтүз 100 ли түштүктө, Ташмалик күзөтүнөн Милмили (Миэрмили) жергесине баруучу жарым жолго эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

  1. Ташмалик күзөтү шаардан түпөтүз 150 ли түштүктө. 1 шивэй, 11 манжуу жоокери, 8 уйгур жайланышкан. Түпөтүз 5 ли түштүктө, 11лэгэр деген жерге Упалат-даладан Алайды көздөй кетүүчү жолду көзөмөлдөш үчүн чакан күзөт коюлган.

Түпөтүз 10 ли түштүктө, Кэбутулук деген жерге Шаргэр менен Кара-Көлгө баруучу жолду бакылаш үчүн чакан күзөт жайгаштырылган.

Түпөтүз 70 ли чыгышта, Хамупаэр Янгишаар күзөтү менен Таталик жергесинин ортосуна эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

  1. Хамупаэр күзөтү Янгишаардан 50 ли түндүк-батышта. 1 шивэй, 10 манжуу жоокери, 6 уйгур жайланышкан.

5 ли түндүк-батышта, Ханьтэлайкэ деген жерге КараКөлгө баруучу тоо жолуна байкоо жүргүзүш үчүн чакан күзөт коюлган.

15 ли түндүк-батышта, Тусы деген жерге Кара-Көлгө кетүүчү тоо жолун карап туруш үчүн чакан кароол жайгаштырылган.

Түпөтүз 40 ли түштүктө, Шамаладан Арчурга баруучу жарым жолго эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги коюлган.

  1. Шамала чегара кароолу Янгишаардан 40 ли түндүкбатышта. 9 манжуу жоокери, 8 уйгур жайланышкан.

20 ли түндүк-батышта Ацикэ деген жерге Кара-Көлгө баруучу ашуу жолун бакылаш үчүн чакан чегара кароолу коюлган.

Түпөтүз 25 ли түндүктө, Тэлэкэцикэ деген жерге КараКөлдү карай кетүүчү тоо жолун көзөмөлдөш үчүн чакан чегара күзөтү жайгаштырылган.

Түпөтүз 40 ли түштүктө, Тэбисы чегара кароолунан Толобулак жергесине баруучу жарым жолдо эки чегара кароолдорунун кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

  1. Тэбисы чегара кароолу Янгишаардан түпөтүз 40 ли батышта. 9 манжуу жоокери, 8 уйгур жайланышкан.

55 ли түндүк-батышта Чуйтак деген жерге Кара-Көлгө баруучу ашуу жолун көзөмөлдөш үчүн чакан күзөт коюлган.

Түпөтүз 90 ли түштүктө, Эгэцзыяэр чегара күзөтүнөн жарым жолдо, Шанасы деген жерде эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

  1. Эгэцзыяэр чегара кароолу Янгишаардан 180 ли түштүк-батышта. 1 шивэй, 16 манжуу жоокери, 20 уйгур жайланышкан.

40 ли түндүк-батышта, Элутэ (Элют) деген жерге Сары-Көлгө баруучу ашуу жолун бакылаш үчүн чакан күзөт коюлган.

Түпөтүз 15 ли түштүктө, Кунбуинакэ деген жерге Сары-Көлгө кетүүчү жолду көзөмөлдөш үчүн чакан күзөт жайгаштырылган.

40 ли түштүк-батышта, Юелукэ деген жерге КараКөлгө карай кетүүчү жолго байкоо жүргүзүш үчүн чакан күзөт коюлган.

60 ли түштүк-чыгышта, Чамулунь чегара кароолунан жарым жолдо, Курташ деген жерде эки кароолдун кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

  1. Чамулунь чегара кароолу Янгишаардан 120 ли түштүк-чыгышта. 10 манжуу жоокери, 8 уйгур жайланышкан.

10 ли түштүк-батышта, Телек деген жерге Сары-Көлгө баруучу жолду бакылаш үчүн чакан күзөт коюлган.

30 ли түштүк-батышта, Цикэмань деген жерге СарыКөлгө кетүүчү тоо жолун саксактап байкаш үчүн чакан кароол жайгаштырылган.

Яркендге караштуу 8 чегара кароолу:

Яхэликэ-лянгээр чегара кароолу; шаардан түпөтүз 80 ли батышта. 1 шивэй, 4 манжуу жоокери, 7 кытай жоокери, 10 уйгур жайланышкан.

Кукуяр чегара кароолу; шаардан 280 ли түштүк-батышта. 1 шивэй, 3 манжуу жоокери, 4 кытай жоокери, 10 уйгур жайланышкан.

Юйлаликэ чегара кароолу; шаардан 240 ли түштүкбатышта. 1 шивэй, 5 манжуу жоокери, 6 кытай жоокери, 10 уйгур жайланышкан.

Цилин чегара кароолу; шаардан 380 ли түштүктө. 1 шивэй, 3 манжуу жоокери, 4 кытай жоокери, 10 уйгур жайланышкан.

Саньчжу чегара кароолу; шаардан түпөтүз 380 ли түштүктө. 1 шивэй, 5 манжуу жоокери, 6 кытай жоокери, 10 уйгур жайланышкан.

Сайликэ чегара кароолу; шаардан 40 ли түндүк-батышта. 1 шивэй, 3 манжуу жоокери, 6 кытай жоокери, 8 уйгур жайланышкан.

Хошлабу чегара кароолу; шаардан 260 ли батышта. 1 шивэй, 3 манжуу жоокери, 2 кытай жоокери, 5 уйгур жайланышкан.

Ципань чегара кароолу; шаардан 400 ли түштүк-батышта. 1 шивэй, 5 манжуу жоокери, 5 кытай жоокери, 5 уйгур жайланышкан.

4 чакан чегара күзөтү:

Циньду күзөтү; түштүк-чыгышта чоң чегара кароолу менен байланышат; алыстыгы 30 ли. 2 манжуу жоокери, 2 кытай жоокери, 2 уйгур жайланышкан.

Ханьлянгэр күзөтү; түштүк-чыгышта чоң чегара кароолу менен байланышат; алыстыгы 100 ли.

2 манжуу жоокери, 2 кытай жоокери, 2 уйгур жайланышкан.

Тархэци күзөтү; түштүк-чыгышта чоң чегара кароолу менен коңшулаш; алыстыгы 160 ли. 2 манжуу жоокери, 2 кытай жоокери, 2 уйгур жайланышкан.

Барчук күзөтү; шаардан 750 ли чыгышта. 1 сяочисяо, 6 манжуу жоокери, 6 кытай жоокери, 8 уйгур жайланышкан.

Жогоруда саналгандай, бүт бардыгы болуп, Яркенд атырабында 8 чегара кароолу, 4 чакан күзөт уюштурулган. 8 шивэй, 1 сяочисяо, 43 манжуу жоокери, 52 кытай жоокери, 82 уйгур жайгаштырылган.

БАТЫШ АЙМАКТАР БАЯНЫ

«Сиюй Чжи»

Кыргыздардын саясый тарыхы, географиясы жана этнографиясы боюнча баалуу маалыматтар К.А. Скачковдун (1821–1833) кол жазмалар корундагы XVIII кылымга таандык кытай булактарынан кездешет. Булардын ичинен асыресе 1763–1770-жылдар аралыгында жазылып, үч китептен турган «Сиюй чжи» («Батыш аймактар баяны») кол жазмасы өзүнө айрыкча көңүл бурдурат (4). Биринчи китебинде Борбор Азиядагы көп элдер, алардын арасында кыргыздар тууралуу маалыматтар бар. Алар расмий кытай терминологиясы боюнча «жапайылар» же «көз карандылар» деп аталган. Кыргыздар (буруттар) жөнүн баяндап жазууда, алар Бу-хэ-эр (Бухара) деген жерде жашаган элден келип чыгары маалымдалат. Андан соң алардын ойротторго каршы күрөшү менен байланыштуу болгон XVI кылымдагы (кыргыздар «тополоңдон качып, тоо жамынгандагы») окуялар бүдөмүк баяндалат. Андан ары кыргыздар эки (түндүк жана түштүк) канатка бөлүнөрү жөнүндө сөз жүрөт. Кытай булагы түштүк канатына (То-го-со-хо-лэ): кыпчак, каратегин, багыш, адигине, бөрү, найман, жору, төөлөс урууларына таандык кылат. Түндүк канатына (Кэ-эр-гэ-ци-сы): саяк, сарыбагыш, кытай, кушчу, саруу, моңолдор, солто, ават, мундуз, басыз, черик урууларын кошот. Тогосохол жана Кэргэцисы (? Тогузогул жана Кырк кыз) канат аталыштары кыргыз элинин түзүлүшү жөнүндө башка, айталы, мусулман булактарынан белгилүү болгон уламыштар менен анча коошпойт. Кытай колжазмасында кыргыздардын (буруттардын) мусулмандардан сырткы айырмачылыгы жана ислам динин тутпашы кайра-кайра баса белгиленет.

Бул кол жазмада баяндалган (негизинен, оң жана сол канат) урууларынын жайгашуусу жайындагы маалыматтар эң эле маанилүү. Анткени анда жайкы жайыттардын (аерде мал жайган үй-бүлөлөрдүн саны) жана кыргыздар дыйканчылык кылган кыштоолордун орду көрсөтүлгөн. Оң жана сол канат кыргыз урууларынын жайгашуусун баяндоодо булар түндүк-түштүк канаттары делинип, алар жашаган географиялык аймактар булакта төмөнкүдөй ыраатта аталып өтөт: Ысык-Көл кылаасы, Чүй, Талас, Фергана, Ош, Өзгөн. Ошону менен бирге түндүктөгү тоолордо (Тянь-Шань) түштүк канатындагы уруулар, а түштүктөгү тоолордо (Алай, Фергана тоо кыркалары) түндүк канатына кирген уруулар жашары белгиленет. Бул маалыматтар, көрүнүп тургандай, XVIII кылымдын баш чагындагы түзүлгөн жагдайды чагылдырат. Бирок булар көп жагынан толук эмес экенин да белгилей кетүү керек. Анын үстүнө, кол жазманын бир барагы (кыргыз урууларынын Ысык-Көл аймагынан чыгышка жана түндүк-чыгышка карай жайгашуу тартибин маалымдаган баяндын башы ушунда болушу керек эле) жок.

Жазылган баяндан көрүнүп тургандай, кыргыздар мал күтүшкөн, дыйканчылык кылышкан, аң уулашкан; ашкан малын алар Чыгыш Түркстандын жергилик калкына соодалашкан же данга жана кездемеге айырбашташкан.

Биринчи китептин акырында Чыгыш Түркстандын чоң шаарларынын айланасындагы Цинь кароолдору тууралуу маалымат берилет. Бирок көптөгөн жаңылыш жазуулар жана керексиз кайталоолор «Хуйцзян чжинин» материалдарына салыштырмалуу ал маалыматтардын маанисин кыйла төмөндөтөт.

«Сиюй чжинин» экинчи китебинде соода-сатык, каадасалт, үрп-адаттар жөнүндө маалыматтар келтирилген; ал эми Чыгыш Түркстан менен Орто Азия элдеринин кийимкечесине арналган бапта кыргыздардын кийим-кечеси тартылган бир нече сүрөт бар. Кыргыз кийим-кечесинин өзгөчөлүктөрү тууралуу мындай делет: «Эркектер жайы-кышы башына ак кийиз калпак, аягына музоонун терисинен жасалып, таманы темир мык менен чегеленген такалуу бут кийим кийишкен. Куруна ар кыл керектүү нерселерин тагынып жүрүшкөн. Аялдар жайы-кышы башына чекесин жаап, ээгин арчындаган ак кездеме оронушкан». Аялдардын кийим-кечесинин калган аки-чүкүсү, кол жазмада белгиленгендей, уйгурлардыкына окшош.

Кол жазмадагы учкай маалыматтар ошондой эле кыргыз патриархалдык-феодалдык коомунун түзүлүшү жөнүндө да түшүнүк берет.

Кашкар:

Шаардан 110 ли түндүк – чыгышта Аэргуй кароолу бар; түпөтүз 30 ли түндүк-батышта, Ацикэ деген жерге буруттарга баруучу капчыгай жолун бакылаш үчүн күзөт коюлган. Түпөтүз 20 ли түндүктө, Илиньмухэкэцинь деген жерге буруттарга кетүүчү жолду көзөмөлдөш үчүн кароол жайгаштырылган. 70 ли чыгышта, Баэрчен деген жерге эки тарапка – Ущешти, Илини казактар, буруттар, ошондой эле сырттагы башка тайпа-журттар менен байланыштырып турган Салиньдуга жана Сохуньга баруучу жолдорго көз салыш үчүн чакан күзөт уюштурулган. Түпөтүз 100 ли батыш тарапта Юйсыту Аэртуш кароолу жайгашкан; жарым жолдо, Чуэртек деген жерге эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

Шаардан 80 ли түндүктө Юйсыту Артуш кароолу турат; 20 ли түндүк-батышта, Цикэмань деген жерге сырттагы уруу-журттарга, Түркстан шаарларына жана буруттардын конуш жайыттарына баруучу Телек жолуна байкоо жүргүзүш үчүн күзөт коюлган. Түпөтүз 25 ли түндүктө, Тешикташ деген жерге, Тому аркылуу өтүп, үч бекеттен кийин Телектеги чоң жолду карай имерилген жолго көзөмөл болуш үчүн чакан күзөт жайгаштырылган. 30 ли түндүк-батышта, Акташ деген жерге Минюеэр капчыгайы аркылуу Анжиянга жана сырттагы башка урууларга кетүүчү жолду бакылаш үчүн кароол коюлган. Түпөтүз 80 ли батышта, Муш кароолуна баруучу жарым жолдо, Сэлэк-чуэрлук деген жерге эки кароол кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

Шаардан 90 ли батышта Муш кароолу бар; 30 ли түндүк-чыгышта, Минюеэр (Акташ-натуура) деген жерге Хэлантуй чөлүн жана бурут конуш журттарына кетүүчү жолду кайтарыш үчүн күзөт коюлган. 40 ли түндүк-батышта, Кабука деген жерге Кэсермицитэ аркылуу Анжиянга жана буруттарга баруучу жолго байкоо жүргүзүш үчүн кароол жайгаштырылган. Түпөтүз 70 ли батышта Упеэр кароолу турат; жарым жолдо, Упалатэ деген жерге эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

Шаардан 100 ли түштүк-батышта, Упалат деген жерде, Булутухуйдан (Беретохай) Алайга, ошондой эле түштүк жана түндүк бурут конуш журттарын көзөмөлдөп турган башкы бажы түйүнүнө баруучу жолду бакылаш үчүн кароол коюлган. 15 ли түштүк-батышта, Юйдукэбаш деген жерге Упалаттан Алайга кетүүчү жолду күзөтүш үчүн кароол жайгаштырылган. Түпөтүз 100 ли түштүктө, Ташмилик күзөтүнө баруучу жарым жолдо, Чармили деген жерге эки кароол кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

Шаардан 130 ли түштүк-батышта Ташмилик кароолу жайгашкан. 30 ли түндүктө, Юйдукбаш деген жерге Упалаттан Алайга кетүүчү жолго көз салыш үчүн кароол коюлган. Түпөтүз 5 ли батышта, Иэргээр деген жерге Упалаттан Алайга баруучу жолду бакылаш үчүн күзөт уюштурулган. Түштүктө, Кэцзытакэ деген жерге Шаэрхуэр (Сары-Кол) менен Кара-Көлгө кетүүчү ашуу жолун азырлаш үчүн кароол коюлган. Кара-Көл сырттагы тайпа-журтт арды башкы бажы күзөтү менен байланыштырып турат.

70 ли түндүк-чыгышта, Каньпаэр Янги-Гиссар кароолуна баруучу жарым жолдо, Таталик деген жерге эки кароол кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган. Янги-Гиссарга караштуу 5 кароол:

Шаардан 50 ли түндүк-батышта Каньпаэр кароолу бар. 5 ли түндүк-батышта, Ханьтэлэк деген жерге Кара-Көлгө баруучу ашуу жолун байкап туруш үчүн күзөт жайгаштырылган. 15 ли түндүк-батышта, Тусы деген жерге Кара-Көлгө өтүүчү ашууга көз салыш үчүн кароол коюлган.

Түпөтүз 100 ли түштүктө Шамана кароолу бар; жарым жолдо, Тарачур деген жерге эки кароолдун кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

Шаардан 30 ли түндүк-батышта Шамула кароолу жайгашкан. 20 ли түндүк-батышта, Ацикэ деген жерге Кара-

Көлгө кетүүчү тоо жолун көзөмөлдөш үчүн күзөт коюлган. Яркенд:

Шаардан 70 ли түштүк-батышта Улалик кароолу турат. 15 ли батышта, Тинцзябу деген жерге Бадахшан менен Шаэрхуэрге өтүүчү Тэкэтиэр жана Бокэхолому ашуу жолдорун бакылаш үчүн кароол уюштурулган. 80 ли батышта, Цилан кароолуна баруучу жарым жолдо, Токэсу деген жерге эки күзөт кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

Шаардан 120 ли түштүк-батышта Цилан кароолу жайгашкан. 20 ли түштүк-батышта, Лусытак деген жерге капчыгай аркылуу кетүүчү жолго көз салыш үчүн күзөт коюлган. 25 ли түштүк-батышта, Атосусы деген жерге Бадахшанга баруучу жолго байкоо жүргүзүш үчүн күзөт уюштурулган. 90 ли түштүк-чыгышта, Санчжу кароолуна баруучу жарым жолдо, Кашхололу деген жерге эки күзөттүн кайгуулдары кабарлашып туруш үчүн таш белги орнотулган.

Шаардан 240 ли түштүктө Сенчжу кароолу бар. 30 ли түштүк-батышта, Токтабаг деген жерде Тибетке кетүүчү жолду бакылай турган күзөт турат. 25 ли түштүктө, Байбикэ деген жерде Тибет жолун көзөмөлдөөчү кароол жайгашкан.

10дон ашуун ли түштүк-чыгышта жолу жок кум чөлгө туш болосуң. Түпөтүз 150 ли чыгышта хотан шаары

Керекенэге чейин эрме чөл.

Хотан:

Шаардан түштүк-чыгышты карай 2 күн жол жүргөн соң, Чуэрлук кароолуна жетесиң. 15 ли түштүктө, Эгэсыеэр деген жерге Тибетке кетүүчү жолго көз салыш үчүн күзөт коюлган. Чыгышка жана Батышка карай жол жок. Уруу-урук курамы:

Тогосохол – кыпчак, каратегин, багыш, адигине, бөрү, найман, жору, тиюлэ-төөлөс.

Түндүк канат кыргекыз – саяк, сарыбагыш, кытайкушчу, саруу, кушчу, монголдор, солто, жеваси юваш (джоош ?), мундуз, басыз-кушчу, черик.

Алыс сырттагы жапайылар жайгашкан жерлер жана аларга баруучу жолдор Кашкардан түндүк-батышта 10 күндүк жолдо Кетмен-Төбө жайгашкан; ал Атбаш деген жерге таандык. Батышты карай тегиз жол; түштүктөн түндүктү көздөй 700дөн ашуун ли кырка тоолор. Беш куймасы бар үч чоң дайра. Андан ары Ташрабат, Каракучи (Каракече), Каркаш, Бирчулук, Аксай жана башка аска-зоолуу заңгел тоолор. Өзөн-суулар Нарынга куюп, батышты карай агат. Ат -Башынын жайыттары жакшы; а чөбү болсо көдөө жана сейрек.

Андан түндүктө үч улуу дайра – Нарын, Жумгал, Суусамыр айрылышкан жер. Жер-жердин баарында бизге баш ийген 15 уруу буруттар:

1-саяк-сарыбагыш, 2-саяк (са-и-кэ), 3-чоңчерик, 4-монголдор, 5-кушчу, 6-буту, 7-чекир-саяк, 8-сарыбагыш, 9-солто, 10-басыз, 11-азык (а-са-кэ), 14-юеваш (юваш, джоош ?), 15-багыш. Тоо этектеп, 24 жерде көчүп-конуп жүрүшөт; жайыттары эң сонун; дыйканчылык кылса да болот. Нарын дайрасы Кокон аркылуу түз батышка, Бухаранын чыгыш чектерин карай агып, улуу дарыя, Аму (Аму дарыя) деп аталат; түштүк-батышта денизге жетип куят.

Ат-Башыдан түндүк-чыгышты карай 4 күн жол жүрүп Жыргалаңга туш келесиң; кар баскан заңгел бийик тоолордон өтүп Кочкорго жетишет. Чыгыштагы тоолордо үч өзөн-суу бар; алар Нарын дайрасынын башат куймалары. Батыштагы тоолордо бир өзөн-суу бар; ал түндүк-чыгыштан батышты карай имерилип, Темурту-нор (Ысык-Көл) суусуна келип кошулат жана батышка казак жергесин карай агат.

Кочкордон түндүк-чыгышты карай дагы үч күн жол жүрүп, Илиге караштуу болгон Темурту-нор (Ысык- Көл) жергесине келишет. (Көл) көз жеткис зор, көйкөлүп тынч; жер жана деңиз… Или чөлкөмүндөгү жана башка жерлердеги бүт өзөн-суулар көлгө куюлушат. Айланып чыгам деген адам бир айга жакын жол жүрүшү керек. Темир чыгарышат; балыгы көп. Көл атырабы жээк бойлой эң сонун жайыттар. Кочкор менен Темуртунор-Илиге ирегелеш жерлер.

Или-обол мурун ойроттордун конуш журту болгон; азыр түндүк Синьпи (сөзмө-сөз – жаңы капка: Синьцзян) аймагына карайт.

Темурту-нордон чыгышты карай дагы 10 күндөн ашуун жол арытсаң, Илиге жетесиң.

Ат-Башыга таандык Кетмен жеринен батышты карай 10 күн жол басып, Коконго караган Анжиян жергесине жетсе болот. Ал жакка баруучу жол тар болгондуктан, көп адам жүрө албайт.

Түндүк-батыштагы Ат-Башыга караштуу Караколдон үч күн жол жүрүп, Чүй менен Таластын чегине жетишет. Бу жер түштүктөн түндүктү көздөй түз жол менен 800 лиден ашуун аралыкка созулат; туш-туштун баары туташ тоолор. Ал жерден чоң дайра башталат. Анын Күмүшт ак, Таластак, Кэркэр (Каркыра?), Сэимистак, Кукунак деген улуу тоолордон агып чыккан беш башаты бар. Дайралар түндүк-батышка, казак жергесин карай агат; кумдуу чөл аркылуу өтүп, тоолорго жетип, жерге сиңип кетишет. Чүй менен Таластын жайыттары эң жакшы; өсүмдүгү анча жыш эмес. Ак-Төбөдө жана башка алты жерде буруттардын бизге караган түндүк канатына кирген төрт уруу-тайпасынын: кытай-кушчунун, саруунун, кушчунун, кытайдын конуш журттары жайгашкан.

Таластан түндүк-батышты карай 8 күн жол басып, казак жергесине жетсе болот.

Кокондон болжолдо 3–5 күндүк жолдо тоо өрүштөрүндө биздин караларыбыз-буруттардын төөлөс уруусунун конуш журттары орун алган.

Кокондон түз түштүктө 12 күндүк жолдо Каратегин жайгашкан. 4 лиден ашуун тегиз жол; туш-туштун баары туташ тоо. Алты суу куйган дайра бар; Алайдан агат. Өзөн-суулар чыгышты көздөй агат; чегарадан чыгып, чөл аркылуу өтүшөт. Кашкарга караштуу батыш тоолордон агып чыккандары Кызыл-хэге куюшат.

Каратегин буруттарынын башчысы Ходжому-яр (Кожомжар) кол астындагы 9 урууга (кыдырша, тейит, бостон, окчу, жедигер, кесек, актачы, чоң кыргыз, найман) бийлик кылат. Буруттардын конуш журттары Гайшуда, Изотобуда жана башка 18 жерде жайгашкан. Өзөндөрдүн бойлору дүйүм түркүн өсүмдүк; тоо булактары сууга мол. Жер иштетишет. Айланасы 20 ли чамалуу, 4 капкалуу калаа бар.

Кашкардан түз батышты карай 16 күн жол жүрүп, Алайга жетишет. Алайдын дагы бир аты, аны ичкиликтердин жергеси деп коюшат. Эзелтен буруттардын 8 уруусунун (төөлөс, кыпчак, азык, бостон, мундуз, багыш, найман, басыз) конуш журту болуп келген. Калкы көп сандуу; а Алайда болсо, күздүк айдоо аз. Сээп өстүргөндөрү жетишпейт; андыктан эгин-тегинди Кокондон алышат. Соңку убакта Кокондун күч-кубаты аябай өстү; ошондон улам алар (б.а., буруттар) Коконго көчүп атышат. 10 жылдан ашуун мезгил арасында айлана жакадагы конуш журттар ээн калды.

Ош жергеси. Буруттардын 7 уруусунун (кармыш, жору, орто-мунки, бөрү, баргы, кара-багыш, коңурат) конуш журту.

Кашкар менен Янги-Гиссардан батышта беш жерде: Цянхур, Лайбулак, Тэдар, Янаяр, Чармайлянь-Ацимунун (Акимдин), биздин букараларыбыз кыпчак-буруттардын конуш журттары. Янги-Гиссардан түштүк-батышты карай 7 күн жол басып, Яркенд менен ага караштуу Сарыкол аркылуу тоолорго туш келесиң.

Түндүк-батышта 3–5 күндүк жолдо, тоо арасындагы 13 капчыгайда (аттары аталган) Аңимуга баш ийген биздин 16 букара кыпчак-бурут уруусунун (кара-жайдак, жамантейит, кызыл аяк, тору-айгыр, найман, сарт-кыпчак, кара кыпчак, кызыл кыпчак, нойгут, кара тейит, сары тейит, чал тейит, көкө найман, кэрэмучин, сары найман, кызыл найман) конуш журттары жайгашкан.

Алыскы сырттагы жаамы жапайылардын географиялык картасына түшүндүрмө:

Мусулман жергелери байыртан Батыш аймагы (Сиюй) деп аталары маалым. Арийне (биз) Батыш аймагындагы жерлерде башка да уруулар – аерде аралаш жашап турушкан көп сандаган жапайылар бар экенин билген эмеспиз. Ушу күндө кантсе да Батыш аймагын изилдеп чыктык. Кашкардан чыгыш жактагы мусулман калаалары гана бизге карайт; а чегарадан сыртта болсо, Кокон, Анжиян, Наманган, Самаркан, Бадахшан, Булор биз тарапка өтүштү. Вэньдустан, Бухара, …жана башка шаарлар али баш ийише элек. Алар бүт бойдон Батыш аймагынын такыба мусулмандарына таандык. Калган калктарды – буруттарды, казактарды, тибеттиктерди, лахорлуктарды, …, жана башка тайпа-журттарды мусулмандар канткен менен жапайылар катары көрүшөт.

Ошентсе да, акыркы убактарда биздин уйгур (мусулман) шаарларыбыз ички (Кытайдын) өрнөгү менен (кайра курулуп) жакшырып барат. Алардын географиялык абалы жалпысынан бөлөк тайпа-журттардан айырмаланып турат. Чегарадан тыштагы уруу журттардын баарысы тең эзелтен сырттагы жапайылар деп аталышат. Алардын жерлери биздин дөөлөт менен коңшулаш; андыктан алардагы жагдайды жакшы билбесек болбойт. Тайпа-журттар жайгашкан жерлер картада көрсөтүлгөн. Калган уруулардагы жагдайдын жайын айтсак, аны башка бапта талдап, баяндоо зарыл. Азыркы жалпы жазылгандын баары тең талдап изилдешке өбөлгө болот.

Кашкардан түндүк-батышта, 10 күндүк жолдо Ат-Башы жергесине таандык болгон Кетмен-Төбө жайгашкан. Тегиз жолду бойлото түштүктөн түндүктү карай 700 лиден ашуун аралыкта кыркаар тарткан ажайып тоо кыркалары. Үч айрылып окторулган улуу дайра; анын Таш-Рабаттан, Кара-Кечеден, Хаэрхамудан, Биэргулукэден, Аксайдан жана башка тоо ашууларынан агып түшкөн беш башаты бар. Өзөн-суулар Нарынга куюп, батышка Ат-Башыны карай агат. Жайыттары эң жакшы, а бирок отун аз. Нарындан өткөндө, аердин түндүк тарабында, Жумгал, Суусамыр жана дагы үч өзөн-суу кошулган жерде (саяк, сарыбагыш, саик, чоңчерик, монголдор, кушчу, бугу, чекир саяк, сарыбагыш, санжо, басыз, ашкэ, саяк, беш тамга, азык, юеваш (жоош?), багыш жана башка 15 бурут уруусу болжол менен тоо койнунда 24 жерде көчүп-конуп жайлашат. Түшүм чөбү эң жакшы. Жер иштетсе да болот. Нарын дайрасы Кокон аркылуу түз батышка, Бухаранын чыгыш чегин карай агып, Улуу дайра, Жуму (Аму дарыя) деп аталат; түштүк-батышта деңизге жетип куят.

Ат-Башыдан Жыргалаңга туш болосуң. Түндүк-чыгышты карай 4 күндүк жол арыткан соң, кар баскан бийик ашуудан өтүп, Кочкор жергесине жетесиң. Тоолордун чыгыш жагындагы жанбоорунан агып түшкөн үч өзөн-суу – Нарындын башат куймалары. Тоолордун батыш жагындагы жанбоордон агып түшкөн бир өзөн-суу түндүк-чыгышты карай агып, андан ары батышты көздөй имерилип, Темурту-норго куят; батышка казак жергеси тарапка агат.

Кочкордон жана түндүк-чыгышта, үч күн жол басып Илиге ирегелеш Темурту-нор (Ысык-Көл) чөлкөмүнө жетесиң. Жолу кеңирсип тегиз; жер-суусу Илиге карайт; өзөн-суулары бүт бойдон көлгө куят. Көлдү айлана көчүш үчүн бир айга жакын убакыт кетет. Темир чыгарышат; жайыттары жакшы. Кочкор менен Темурту-нор Или чөлкөмүнө таандык. Башында бу жерде элюттардын өрүш-жайыттары болгон; азыр жаңыдан ачылган түндүк дубандарынын жери.

Темурту-нордон чыгышты карай дагы 10 күндөн ашуун жол арытып, Илиге жетесиң. Кетмен деген жерге тийиштүү болгон Ат-Башыдан батышты көздөй 9 күн жол жүрүп, Коконго караштуу Анжиян жергесине жетсе болот. Ал жакка баруучу жол тар болгондуктан, көп адам жүрбөйт. Ат-Башыга тийиштүү Каракол жергесинен түндүк-батышты карай үч күн жол басып, Чүй–Талас аймагына жетесиң. Аерден түштүктөн түндүктү карай тоо арасы менен кеткен 800 лиден ашуун тегиз жол. Ал тоолорду чоң дайра кесип өтөт. Анын беш башаты бар. Алар Күмүштагдан, Таластагдан, Каркырадан, Сэимисытагдан, Кукунэйкэден жана башка тоо ашууларынан агып чыгат. Өзөн-суулар түндүк-батышка, казак жергесин карай агат. Кумдуу чөлдөн агып өтүп, тоо койнуна житип, жерге сиңип кетет. Чүй–Талас жергесинде жайыттары жакшы, а бирок өсүмдүк-чөбү аз. Ат-Башыга тийиштүү, жана башка алты жерде түндүк канатына кирген кытай, куңи, саруу, кушчу, ошондой эле буруттардын дагы 4 уруусу көчүп жайлайт.

Чүй менен Таластан түндүк-батышты көздөй 8 күн жол басып, казак жергесине жетсе болот.

Кокондон алыс эмес 3–5 күндүк жолдо, тоо өрүштөрүндө буруттардын ага караштуу болгон төөлөс уруусу көчүп конот.

Кокондон түз түштүктү карай он эки күн жол жүрүп, Каратегин жергесине жетесиң. Миң лиден ашуун тегиз жол; чар тарап тоолор; алты башаты Алайдан башталган дарыя бар. Дарыя чыгышты карай агат; чегара чегинен чыгып, чөлдү кесип өтөт. Кашкарга жакын батыш тоолорунан Гуйкэцзыэр дарыясы агып чыгат. Каратегиндик буруттардын башчысы Хочжо-Муяэр (Кожомжар) кол астындагы 9 бурут уруусун (кыдырша, теит, бостон, акэци, жедигер, цисакэ, акэтаци, чункээргэсы, найман, жана башкаларды жетектейт. Алар Цзо-то-бу деген жерде жана башка 18 жергеде көчүп жайлашат. Жайыттары жакшы. Тоо булактарынан суу жүргүзүшүп, жер иштетишет. Айланасы 20 ли келген калаа бар.

Кашкардан түз батышта 16 күндүк жолдо Алай жана ошондой эле Ишчирик жайгашкан. Бу жерлер эзелтен буруттардын (төөлөс, кыпчак, азык, бостон, мундуз, багыш, найман, басыз жана башка 8 уруунун) көчүп жайлаган конуш журту.

Алайда ар дайым суук; эгин-тегин эгишке жарактуу жер жетишсиз. Зарыл азык-оокаттарды Кокондон жана башка жерлерден алышат. Акыркы убактарда Кокондун күч-кубаты жүрө-жүрө өстү; андыктан алар (буруттар) Коконго жакын конуш жайыттарга көчө башташты. Буга 10 жылдан ашты. Ошондон улам алардын мурунку конуш журттары ээн калды. Азыркы күндө кишилер жок болгону менен дегинкиси качып-бозуп, жашыруун көчүп жайлап жүрүшкөн бир азыраак буруттар бар. Андайлардын саны 10 түтүн…

Кашкардан түндүк-батышты карай, Коконго баруучу жол менен 18 күн жүргөн соң, Ошко жетесиң. 300 ли түз жол; чакан чопо дубалдар бар. Чоң-чоң…айланада айдоо көп…

Жакында баш ийген бурут уруусу адигине өзүнө караштуу жети урук-журтту (хулумуш, цзяоли, ортомунакэ, баилэ, бо-эр-кэ-и, хэ-эр-багыш, конурат, берю) жетектейт.

Кашкарга караштуу Ян-а-са-эрден (Янги-шаардан) батышты карай жүрүп, тоолорго туш келесиң. Цянхуэр, Лайбулак, Даэр, Янаяэр, Чаэрмайлянь деген жерлерде, жана башка дагы 5 жергеде бизге баш ийген кыпчак уруусун башкарган бурут акиминин конуш журттары жайгашкан. Янги-шаардан түштүк-батышты карай 7 күн жол басып, Яркендге караштуу Шаэрхуэрге өтөсүң; андан ары тоо койнуна киресиң. Түндүк-батышта, Уцюй, Бацзалатэ, Таэрсусы, Хэлаташ, Тахээрлам, Гуэогушунь, У таэр, Дэннабаш, Бусытан терек, Хуньду сунь, Таэргэлан, Тэнакэ, Цимуцзянь, Алакбаш деген жерлерге баруучу 3–5 күндүк жолдо жана башка тоо өрүштөрүндө биздин букарабыз болгон кыпчактардын бурут акимине караштуу (хэла садакэ, жаман теит, кызыл аяк, тору айгыр, найман, сарт кыпчак, кара кыпчак, кызыл кыпчак, нойгут, кара тейит, сары тейит, чал тейит, көкө найман, кэрэмучин, соэр наймань, кызыл наймань) урук-журттары көчүп жайлашат.

Кашкардан түндүктө, үч күндүк жолдо алыскы тоо өрөөнүндөгү Тоюн деген жерге туш болосуң.

Түз жол менен 300 ли аралыкта бизге баш ийген буруттардын чоң багыш уруусунун конуш журту орун алган.

«Алыскы сырттагы жаамы жапайылардын географиялык картасына түшүндүрмөдө» Кашкардын түндүк-батыш жагында жайгашкан Ат-Башы чөлкөмү эскерилген, тагыраак айтканда, түндүк-батыш тарапта Жумгал жана Суусамыр өзөндөрүнүн өндүрлөрү аталган. Ал жерлерде буруттардын (негизинен оң канат уруулары аталган) төмөнкү уруулары көчүп жайлайт: саяк, сары багыш, чоң черик, монголдор, кушчу (сол канат), бугу, чекир-саяк, солто, басыз (сол канат), ашкэ ?, саяк, беш тамга ?, азык, юеваш (? ават, джоош ), багыш. Булакта бул уруулардын конуш журттары 24 тоо жерлеринде жайгашканы, жайыттары эң жакшы экени жана жер иштетсе да болору белгиленет.

Чүй жана Талас өзөндөрүнүн өндүрлөрү сол канат урууларынын (кытай, кушчу, саруу) конуш журту болгон.

Кокондон алыс эмес 3–5 күндүк жолдо буруттардын ага караштуу болгон төөлөс уруусу көчүп жайлайт.

Каратегин:

Каратегиндик буруттардын башчысы Ходжа Муяр (Кожомжар) кол астындагы 9 бурут уруусун (кыдырша, тейит, бостон, акэци, жедигер, кесек, акэтаци, чоң-кыргыз, найман) жетектейт. Цзотобу деген жерде жана башка дагы 18 жергеде көчүп конушат. Жайыттары жакшы; тоо булактарынан суу жүргүзүп, жер иштетишет.

Кашкардан батыш тарапта, 16 күндүк жолдо Алай жана Ишчирик жайгашкан. Эзелтен буруттардын (төөлөс, кыпчак, азык, бостон, мундуз, багыш, найман, басыз) конуш журту. Булакта аба ырайынын катаалдыгы жана эгин-тегин өстүрүшкө жери жетишсиз экендиги, ошондон улам калкы азык-оокатты Кокондон алары белгиленет.

Кокон куч-кубаттуу боло баштаганына байланыштуу буруттар Коконго жакын конуш журттарга көчүшкөн. Булакта Алайда бир азыраак сандагы азгын-качкын бурут үй-бүлөлөрү көчүп жайлары белгиленет. Ош шаары чөлкөмүн сыпаттоодо, булакта оң канат адигинеге караштуу уруулардын (кармыш, жору, ортомунки, бөрү, баргы, карабагыш, коңурат) конуш журттары белгиленет.

Кашкарга жуук Янги-шаар чөлкөмүндө, батыш тараптагы тоолуу жерлерде бизге баш ийген кыпчак уруусун башкарган акимдин конуш журту жайгашкан.

Түштүк-батыштагы тоолуу өрөөндөрдө, Бостантереге, Уцюй, Караташ жана башка жерлерде биздин букарабыз болгон кыпчактардын акимине караштуу уруулар (кара жайдак, жаман тейит, кызыл аяк, тору айгыр, найман, сарт кыпчак, кара кыпчак, кызыл кыпчак, нойгут, кара тейит, сары тейит, чал тейит, көкө найман, кэрэмучин, соэр найман, кызыл найман) көчүп жайлашат.

Кашкардан түндүктү карай үч күндүк жолдо алыскы тоо өрөөнүнө, Тоюн деген жерге туш болосуң. Түз жол менен 300 ли аралыкта буруттардын бизге баш ийген чоң багыш уруусунун конуш журту орун алган.

Аксудан түндүктү карай Илиге чейинки чөлкөм жөнүндө айтылат. Чегараны уйгурлар менен элюттар кайтарат.

Суусу жана чөбү жок оңтойсуз жерлерге чегара кароолдорун коюшка болбойт. Ар бир уйгур кароолунун чегинен сыртта, бир канча жерге чакан күзөт коюлган. Алар чегара кароолунда кызмат өтөшкөн жоокерлерден куралат. Кезек менен кароолдон чыга бериштеги күзөткө жакын тоолорго кайгуул жүргүзүш үчүн барып турушат.

Кокус түн жамынып уурданып өтүшкө аракет кылышса, чара көрүш үчүн оңтойлуу жерден бийикке чыгышып, байкоо жүргүзүшөт. Чегаранын коопсуздугун камсыз кылуу түйшүгү оңбогондой оор жумуш. Чакан күзөт дегенибиз ушул.

Ошондуктан, чегара күзөтүн коюштан мурун, адегенде жаратылыш шарттарын: суу менен чөптүн бар-жогун чалгындап билишет. Кире бериштеги 2–3 бажыканадан соң, жана чыга бериштеги 4–5 бажыканадан кийин бирден чоң кароол коюлат. Эгер эки кароолдун арасын аска тоолор, өзөн-суулар, бетпак талаалар, тоо койнундагы көлдөр, эрме чөлдөр жана сормо саздар бөлүп турбаса, кишинин изи билинбей калбайт. Анын үстүнө, аер ар уруу тайпажурттар катташып-катнашкан жер. Өтүш кыйын болгону менен чек бузганы үчүн жаза тартыштан да коркушат; чоң жол менен кача алышпайт. Жалгыз аяк буруу жолдор менен кыл чокуларга чыгып алышып, жол азабы, көр азабына кайыл болушуп, көз салып аңдып турушат. Аерден кароолду айланып, 185 лиге созулган ээн чегара тилкесинен жашыруун өтүшөт. Келип кеткендердин ичинен жол издеп жүргөндөрү бат эле баамга урунат, а бирок адам пендесинин пейил-жутун аңдап билиш кыйын го. Андыктан чегара түйүнү аркылуу өтүштөн качып, тымызын чек бузуучуларга каршы ичжэн дачень шаньшу юн мындан ары карата алдын ала сактык чараларын көрдү. Ирегелеш чөлкөмдөрдө чыр-чатак чыгышына тыюу салыш максатында, чегара кароолуна атайын шивэй, офицерлер жана жоокерлер дайындалып коюлат. Эки кароол ортосундагы жолдор кесилишкен жерге таш белги орнотулат. Ар күн сайын эки күзөттүн кароолдору белги орнотулган жерге барып, өз ара кабарлашып, маалымат жана буйрук алышып турушат. Чегара тилкесиндеги издерди текшерүүдө, чектен тыш кокустуктардан чындап сактанышат.

БАТЫШ АЙМАГЫ ТУУРАЛУУ НЕГИЗГИ МААЛЫМАТТАР ЖЫЙНАГЫ

«Сичуй Яолюе»

1-бап

Түндүк жана түштүк жол чектеринин жалпы сыпаты

Азыркы Жаңы чек (Синьцзян) – бул байыркы Батыш аймагы (Сиюй).

Сучжоудан Цзяюйгуань (Ганьсу дубаны) тоо өткөөлү аркылуу батышты карай жүрүп, Аньсичжоудан соң Хамиге-Синьцзян капкасына жетесиң. Тянь-Шань тоолору кайчылашкан ушул жерден түштүк жана түндүк жолдору айрылышат. Тянь-Шанды түштүк жагынан айланып өтүп, Хамиден түштүк-батышты карай имерилген түштүк жолу Турфан, Харашар, Куча, Аксу, Уш, Яркенд, Хотан, Янги-Гиссар, Кашкар аркылуу кетет. Хамиден Тянь-Шань аркылуу түндүктү көздөй, андан соң батыш багытын карай имерилип, Баркулькунь, Гучен, Үрүмчү, Куркараусу, Тарбагатай, Или аркылуу түндүк жолу кетет. «Хань тарыхынын» «Батыш аймагы жөнүндө баян» аттуу 16 бөлүгүндө сыпатталган түштүк жана түндүк жолу Тянь-Шандан түштүктү карай өтөт. Азыркы түштүк жана түндүк жолдору Тянь-Шандын түштүгү менен түндүгүн жалгаштырып, аны ортосунан бөлүп турат.

Или жергесинин чектери тууралуу айтсак, чыгышта Аньси-чжоуга, түндүк-чыгышта Алашань менен Кэркэмонголдоруна чейин жетет; түндүктө Кобдо менен чектешет. Түндүк-батышта буруттар менен Кокондун жана Анжияндын чегара кыйырлары орун алган. Түштүктө Тибет, түштүк-чыгышта Гоби Монголиясы менен чектешет. Чыгыштан батышка карай 7 миңден ашуун ли, түштүктөн түндүктү көздөй 3 миңден ашуун ли, айланасы 20 миңден ашуун ли. Жол аралыгын айтсак, Илидеги

Хуйюень калаасынан 1500 лиден ашуун түндүк-чыгышта Тарбагатай шаары жайгашкан. Дагы 700 лиден ашуун түндүк-чыгышта Иртышты бойлой Кобдо менен чектешет. Или аймагы түндүктөн батышты карай Тарбагатайга чейин созулат. Түндүк-чыгыш чөлкөмүндө казак конушжурттары жайгашкан.

Илидеги Хуйюень калаасынан чыгышты карай миң лиден ашуун жол арытып, Куркуреусу шаарына жетесиң. А чыгышта болсо, Толай жана Чанцзи дубандары аркылуу 800 лиден ашуун жол басып, Үрүмчү, б.а., Дихуачжоу шаарына жетесиң. Аны кызыл храмдарда сыйынгандар ушундай аташат.

Үрүмчүдөн түштүк-чыгышты карай Богда тоосу аркылуу 500 лиден ашуун жол жүрүп, Турфанга киресиң. Үрүмчүдөн чыгышты көздөй Фуиен дубаны аркылуу 400 лиден ашуун жол жүрүп, Гучен шаарына, Цитай дубаны аркылуу чыгышты карай дагы 700 лиден ашуун жол басып өткөн соң, Баркөл калаасына жетесиң. Чжэнсифу аймагы жана Ихэсянь дубаны бар. Алардан түштүк тарапта Тянь-Шань. Эң бийик жана опурталдуу жол Тянь-Шань аркылуу өтүп, 300 лиден ашуун аралыктан кийин Хами шаарына түшөт. Бул түндүк жол чеги. Илидеги Хуйюй калаасынан түштүктү карай Музарт, Дабахань аркылуу 1000 лиден ашуун жол арыткан соң, Аксуга кез келесиң. Уштан батышты карай, ормон токой арасындагы үңкүрлөр жана шалбаалар аркылуу-Кашкар калаасына чейинки жол аралыгы 700 лиден ашат. Буруттардын конуш журттарына баруучу эң кыска жол ушул жерде.

Илиден түштүк-батышты жана Аксу менен Уштан түндүк-батышты карай көчүп-конушкан буруттар-бул чыгыш буруттары.

Аксудан түштүктү көздөй, андан соң батышты карай 1400 лиден ашуун жол басып, Яркенд шаарына туш болосуң. Яркендден 590 лиден ашуун түндүк-батышта – Кашкар калаасы. Алардын ортосунда Янги-Гиссар шаары орун алган. Бадахшандык мусулмандар чегарадагы Улук аскер кароолунан ыраакта. Ал Янги-Гиссардан 1700 лиден ашуун түштүк-батышта.

Кашкар чегарасындагы аскер кароолдорунан сыртта көчүп конушкан буруттар-батыш буруттары. (Алар) Анжиян жана Кокон тайпа-журттары менен алакалаш.

Яркендден түштүк-чыгышты карай 700 лиден ашуун аралыкка созулган жол Хотан шаарына алып келет. Түштүктү көздөй какыраган чөл жана кар баскан тоо кыркалары аркылуу кеткен жол адам өтө алгыс татаал жол. Яркендден чегарадагы Кучэяэр аскер кароолу аркылуу түштүк-чыгышты карай, Хотан аркылуу түштүк-батышты көздөй бир айдан ашуун жол жүрүп, Тибетке жетсе болот. Тоо боорундагы чыйырлар, ууланган бууга чулганган тар жолдор менен жүрүш эң кыйын. Бу туурасында Кашмирлик, Анжияндык жана Ка(кэ)цилик соодагерлерден сурап көрдүк.

3 а. Тибеттен түндүк-чыгышта Ладак жергеси бар деп айтышты. Соода кербендери ушул жол менен Яркендге жеткен, бирок алар мурда Жуңгар тайчысы Цэвен Рабдан тарабынан куугунтукталып келген. Анын кол башчысы Дацзэлин Дунь добу Тибеттин чегарасына кооп туудуруп турган. Бул жерден жол мындайча кетет: Аксудан 700 лиден ашуун түндүк-чыгышта Куча орун алган. Кучанын түштүк-батыш чөлкөмү Аксу жана Хотан менен чектешет. Түндүк-батышта Илиге чейинки аралык 1700 лиден ашат. Кучадан түштүк-чыгышты карай саздак жер; атчан жана жөө адам өтүшү кыйын. Кучадан түндүк-чыгышты карай 900 лиден ашуун жол басып, Харашар калаасына барасың. Шаардан түндүк-батышты көздөй жол жүрүп, Жылдыз өзөнүн кечип өтүп, Накатэ дабаханга, 480 лиден кийин Илинин түштүк-чыгыш чегине жетесиң. Харашардын түштүк-чыгыш чөлкөмү же какыраган таштак, же көлкүлдөгөн саздак болгондуктан, атчан жана пияда адам өтүшү кыйын. Харашардан 900 лиден ашуун түндүк-чыгышта Турфан шаары жайгашкан. Түркстандын Пичжэнь шаары аркылуу түштүк-чыгышты карай болжол менен 500 лиден ашуун жол басып, Лобнор көлүнө жетесиң; анын абалкы 36 аталышы Пучанхай. Түштүк-чыгышта эрме чөл жана аскар тоолор аркылуу Кукунорго, ал эми түндүк-батыш тарапта Үрүмчүгө карай жол кетет.

Турфандан түндүк-чыгышты көздөй 1200 лиден ашуун жол арытып, Хамиге туш келесиң. Бул түштүк жол чеги. Хамиден түштүктө-түштүк көлдөрү жана 30 лиден өткөн аралыкта кумдуу чөл. Түндүктө Баркөл менен Ихэсянь дубанынын чеги. 1500 лиден ашуун чыгыш тарапта Цзяюйгуань кароолу. Цзяюйгуань кароолунан ары Чешцзинь көлү. Бул жерден түштүктү карай 100 лиден ашуун жол жүрүп, Кукэторогуга жетесиң. Андан соң Цинтоушань тоолору аркылуу кеткен жол Цинхайга (Кукунорош) алып барат. Адатта кароолдон ары карай бу жол менен чайчы монголдор Тибетке сапар чегишет.

Түштүк жана түндүк жолундагы тоолор менен өзөнсуулардын жалпы сыпаты Синьцзянь чегиндеги тоолор Памир тоо тармагына кирет. Эң чоң тоолор-батыштан чыгышты карай кыркаар тарткан Тянь-Шань тоолору. Хань тарыхында ал Циляныпань деп аталат. Түштүк бетинде – Турфан жана Хами жайгашкан. Түндүк жагында – Баркөл. Бирок бир канча миң ли аралыктан кийин кайрадан туш-туштун баарында жүрөктүн үшүн алып, чокмороктошкон адам өткүс көк жалтаң аска-зоолор заңгырайт.

Түндүк жол боюнда: Илиде Элиньхэбиэрхань, Тарбагатайда Чугучак, Үрүмчүнүн жанында Богдо. Түштүк жол боюнда – Кашкардын жанында Юйсыту-Артуш, Яркенддин жанында Миэрлю, Хотандын жанында Сангушуя, Уштун жанында Гунгулук, Аксунун жанында-Музарт, Харашардын жанында Боэрту ашуусу. Алардын тарамдары эң эле көп. Жайында кары эрибейт, кыязы, ошондон улам аларды кар баскан тоолор деп аташат.

Синьцзяндын бардык өзөн-суулары ар тарапты карай – түштүк жолундагы өзөндөр бүт чыгышты көздөй агат.

Түндүк жана түштүк тоолорунан башат алгандары төмөнкүлөр: Кашкардын жанында Уланьсу, Яркенддин жанында Юйхэ, Хотандын жанында 2 өзөн-суу – Каракеш жана Юйлун-каш, Уш шаарынын жанында Хушци (Кушчу), Аксунун жанында Хуньбаш, Кучанын жанында – Бэйхань, Карашардын жанында Кай. Алардын баарысы тең чыгышта Турфан көлү Лобнорго куят. Түштүк жана түндүк тоолорунда кар эригенден улам пайда болгон өзөнсуулар бүт бойдон жерге сиңип кетишет. Бул байыркы Пугенхай. Түндүк жолундагы өзөн-суулар: Или. Батышты көздөй аккан өзөн-суулардын көбү Тарбагатайга жуук жерде Иртышка куят. Чыгышты көздөй аккан өзөн-суулардын көбү Үрүмчүгө жакын жерде Манаска куят. Түндүктү карай аккан өзөн-суулар, же ылайланган баткакка айланышат; же камыш баскан көлдөргө куюшат, же чөлгө сиңип жок болушат. Кардын эришинен көп суу чогулат. Толугураак токтолушка аракет жасап көрөлү.

Илидеги тоолордо Гэдэншань шаары бар; шаардан жүз лиден ашуун түштүк-батышта Элиньхэбиэрхань тоолору. Шаардан түндүк-чыгышта Хэш дайрасына жакын жерде Вэйчаншань тоолору жайгашкан. Түндүк бетинде 300 лиден ашуун аралыкта Абулалшань тоолору бар. Ал шаардан 200 лиден ашуун чыгышта; Хэш дайрасынын чыгыш тарабында. Үрүмчүнүн жанында Богдошань менен бир туташ Алданьээмордукоушань тоолору жайгашкан.

АСАНОВ Т.И.

ОРТО КЫЛЫМДАГЫ АСКЕР БАШЧЫ,

СОГУШ ТАКТИКАСЫ ЖАНА ГЕНЕТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР

Кыргызстандын орто кылымдардагы аскер өнөрү тууралуу маалыматтар тарыхта сейрек учурайт. Алтургай археологиялык казуулардагы курал-жарак арсеналына байланышкан табылгалар да, орто кылымдардагы аскердик өнөрдүн өнүгүшүнүн картинасын толук көргөзө албайт. Бирок жазма даректерде эскерилген эпизоддук кабарлар, оозеки тарыхтагы жана фольклордогу айрым бир маалыматтар бул багыттагы изденүүлөрдү толукташы мүмкүн.

Биз карап жаткан маселеге тиешелүү баалуу маалыматтардын Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билик» поэмасында эскерилиши, орто кылымдардагы мамлекеттеги башкаруу ишиндей эле, согуш өнөрү да олуттуу мааниге ээ болгондугун айгинелейт. Барыдан мурда, поэмада аскер башчынын кандай сапаттарга ээ болушу керектиги жана колду уюштуруудагы жоопкерчилиги баяндалган [2, 197-207].

Аскер башчыга таандык башкы сапаттар: көрөгөч, баатыр, мерген, жоомарт, тартынбас, токтоо, ар-намыстуу, сүрдүү, бекем, болоттой бек, боорукер, билгиликтүү, адилеттүү.

Аскер башчынын урушта жеңишке жеткире турган сапаттары: чабыштарды башынан көп өткөргөндүгү, жоону титирете тургандай жолборс жана арстан сымал эр жүрөктүүлүгү, кабыландай билек, доңуздай көктүк, бөрүдөй күч, аюунун жаалы, бугунун жүрүшү, кирген буурадай албууттулугу.

Аскер башчынын амалкөйлүгү: түлкүдөй амалкөй, сагызгандай сак, кузгун сымал көзү курч, үкүдөй түнкүсүн уктабаганы.

Аскер башчынын жоокерлерге көргөн камкордугу, даярдыгы: тамак ашы, курал-жарагы, тону, ат-көлүгү.

Аскер башчыга ийгилик берүүчү сапаттар: адилеттүүлүгү, олжо таратууда жоомарттыгы, жолборс сымак баатырдыгы, арстанды торго салгандай айла-амалкөйлүгү, көктүгү.

Терс сапаттары: текеберлик, мактанчактык.

Кошундун кандай болуш керектиги: кошундун көптүгүнө эмес анын сапатына көңүл буруу керек жана сапатты мыкты курал-жарак бере тургандыгы, көп черикте жакшы башчы болбосо колдун ыркы кетип топураган чамасы жок топко айланып кала тургандыгы, сансыз колдон тартиптүү аскер артык экендиги белгиленген.

Аскер башчынын жоого каршы даярдык көрүүдөгү милдети: аскерлерди баштап жүрүүсү, баатырларды тандай билүүсү, душмандын колун жана чоо-жайын билип алардан сак болуу үчүн алга карап чалгын тобун жиберүү, аскердик күзөтчү топту дайындоо, жашыруун кароолдукка киши коюу, колго дайындуу көрүнүп турсун үчүн туу башчынын турган жерин так аныктоо, аскер кошунун ыңгайлуу жерге жайгаштыруу, кошундун бир бөлүгүн буктурмага жашыруу.

Урушка даярдануунун жөнү: жоого тилди алдырбоо, тескерисинче алардын колунун санын билүү үчүн душмандын тили жардам бере тургандыгы жана алардын санын билген соң чабуулду баштоо керектиги. Сактык үчүн жасалган мындай көрөгөчтүк иш, жеңишти камсыз кылуунун мүмкүнчүлүгү.

Жеңишке жетүүгө негиз болуучу сапаттар: айлаамал, этияттык жана сактык, кыраакылык.

Аскердик дипломатия: эгер душмандын колу күчтүү болсо шашылып кармашуунун кереги жок экендиги, андан көрө элдешүүгө киши жиберип, мүмкүн болсо жарашып алуунун оң экендиги. Барган элчи кеп-сөзүн даярдап амалдуу болуусу, унчукпай ашык сөзгө жол бербеши керектиги. Кокус бул иштен жол болбой такыр айла калбаса, анда күч топтоп жоо кийимин үстүгө салуу керек, деп айтылган.

Душман кармашууга кадам койсо эмне кылуу керек: токтолбостон аскерди жоого таптоо, чакырып колду жетектөө, чабуулду көп созбой баштоо, күчтүн барын топтоп чагылгандай жоого тез тийүү керек. Үлгү болсун үчүн кошун жоого кирер чакта жаачылардын алдында болуу, мыктыларды баш кылып колду баштоо, алдында да жана артында да туруп калгандарын оң канатка жана сол канатка бөлүп салуу керектиги айтылган.

Согуштук тактика, амал: Эки жоо аралашып алышканга жана эки жак төш тирешип чабышканга бет алганда: адегенде буктурмадан жебе жаадыруу, жакындан найза сунуп сайып, айбалта, кылыч менен таамай чабуу.

Жоо менен беттешкенде кандай аракет кылуу керектиги: өжөр болуу, беттешүүдө шумкардай каршылашын тытмалоо, көз кызарып кып-кызыл кан куюлгандай түр менен салгылашуу, аккан канга аттар баспай тыгылып, ат жабдыктар, курал канга боёлгон деңгээлдегидей кармашуу, эгер жоо колду бузуп кирсе тик карап жеңмейинче бекем туруу, жоо кокус солк этип артка чегинсе артынан түшүп кубалоо күчкө салуу, кубалап жетип жыга саюуу, алабармандарды куугандардын катарына салуу, бирок жоо жеңилсе жарым жолдон кайткан оң, анткени чарчап болгон өзүңдүн колуңду кыйнаштын зарылчылыгы жок.

Бир акылман сынчы айткандай качкан жоону жөн эле кууй берип кайрылган душмандан сокку жебе, андан көрө кайтып эрдик көрсөткөндөргө олжо бергин, алардын баарына олжо таратсаң жүздөрүнө кубаныч күйүп жанат, аларды мактаганың жаманын жакшы кылса, жактаганың жакшысын көккө учурат анан алкышка арзыган жоокер күчөп арстан алат, керек болсо учкан кушту сермеп салат дегендей кеңеш берген экен.

Жоону жеңгенден кийин: набыттарды ардак менен көмдүрүп балдарына кенен арбын олжо берсең, аны көргөн жоокерлер сендик болуп баштарын сен үчүн сайып коёрун жана да башчы үчүн жылуу сөз, ачык көңүл, март болуу керектүү эң бир сонун сапаттардан экендигин белгилеген. Керек болсо бул үч сапат эркин жанды байлап коё тургандыгы жана күмүш акчага кулду албагандай бакытты ушул үчөө өзү табаарын ошондой эле аскер адамга ушул сапаттын керектиги, эгерде анда ушундай сапат болсо карыш жылбай ийгилик ээрчий тургандыгы айтылган. Бек кызматка ушундай адам тапса ал бактылуу түйшүксүз болоору, увазирдин болсо даңкы алыска тарай тургандыгы эскерилген.

Соңунда Акдилмиш Эликке собол таштап: увазир, аскер башы экөө – бири кылыч кармаса, экинчиси калем кармай тургандыгы жана бардык иштин түйүнү экөөндө жаткандыгы менен жыйынтыктап: экөө бардыгынан бийик тураары, сөздөрү бир болсо пайдалуу ал эми талашып-тартышса өлкөгө бүлүк түшөрү, тескерисинче бек татыктуунун татыктуусу болсо алардын кызматынын элге пайдасы тиерин айтып, акылдуу бир өкүмдардын сөзү менен жыйынтыктайт. Анда эгер кылыч менен элди багынтып алсаң, калем менен бийликке жол саласың, калемсиз бийлик болбой тургандыгын, кылыч сүрөп, коркутуп, согуп, тескегени менен күч бийлиги көпкө чыдап түтпөй тургандыгын, ал эми калем шаарларды багынтса жыргалчылыкка жол ачыла тургандыгын айткан.

«Кутадгу биликтеги» аскер башчынын кандай болушу керектиги тууралуу ой-толгоолор менен накыл сөздөр, орто кылымдардагы аскер өнөрүнө коюлган суроо-талаптардан улам келип чыккан. Аскер башчынын каармандык сапаттары адабий чыгармада (балким ал кездеги эл оозунда) мурда эле айтылып келген каймана сүрөттөмөлөр жана эпиттер аркылуу берилиши, албетте поэманын чыгармачылык табиятына мүнөздү көрүнүш. Бирок, биз андан сөз кылынган аскер өнөрүнө түздөн-түз тиешеси бар айрым маанилүү жагдайларды алып чыксак.

Кошундун кандай болушу тууралуу сөз кылганда анын көптүгүнө эмес, сапатына көңүл буруу керектиги айтылган. Колдун сапатын керек болсо мыкты куралжарак бере тургандыгы, көп черикте (аскерде) жакшы башчы болбосо кошундун ыркы кетип топураган чамасы жок топко айланары, сансыз колдон тартиптүү аскер артык экендиги тууралуу ой-толгоолор карахандар мамлекетинин ошол мезгилдеги аскердик күжүрмөн даярдыгын бекемдөөгө багытталган талаптардан деп билсек болот. Мында мыкты даярдыгы бар жана тартиптүү ыкчам аскер кошууну, мамлекеттин аскердик жөндөмүн арттыруучу жана ага көп ийгиликтер менен олжолорду алып келүүчү күч боло тургандыгына ишарат берилип жаткандыгын көрөбүз. Демек, аскер колунун жөндөмдүүлүгүн аныктай турган: бул анын көптүгү эмес сапаты, мыкты курал-жарагы, жакшы кол башчысы жана кошундун темирдей бекем тартиби саналган.

Аскер башчынын башкы милдеттеринин бири жоого каршы күжүрмөн даярдык көрүү болгон. Аскер башчы бардык жүрүштө аскерлерди баштап жүргөн. Ал баатырларды тандап, душмандын колун, чоо-жайын билип алардан сак болуу үчүн алга карап чалгын тобун жиберген. Душман тууралуу билүү, керектүү маалыматтарды жыйноо бул адаттагыдай эле алдын-ала жүргүзүлгөн аскердик амал болуп, аны менен аскердик күзөтчү топ дайындаган (бул аскер тилинде секрет деп аталган [7 216.]) жана жашыруун кароолдукка киши коюлган.

Бул кабарларга салыштырмалуу кыргыздардын согуш өнөрүнүн орто кылымдардагы карахан түрктөрү менен генетикалык жакындыгы бар экендигин баамдасак болот. Жоону тосор алдындагы кыргыздардын күжүрмөн даярдыгы тууралуу Белек Солтоноев мындай маалыматтарды келтирет: жоонун аз көбүн билмек үчүн качырткы (качырткы воен. уст. разведка) [6, 362] салып, азкөбүн билип согушкан, жоо абыдан күчөгөн чагы болсо, айылды чың-бек жерге кондуруп, айылдан алыс жерден жол тоскон кайгуулу деген болгон. Айыл арасынан жол чалып турган жесекчи болгон. Эр азаматын бөлүп, айылдан тышкары ыңгайлуу жерге коюп, жоону күтүп турган. Бул кишилерди жасоол деген. Жоодон качаарда ар кайсы жерге көп от жагып коюп туруп качкан. Ал отту, эр оту деген [6, 13-15].

Кайгуул терминин тарыхый мааниси К.Юдахиндин сөздүгүндө – дозор (конный); разведка (военная) деп берилген (карып калган бээден кайгуулга минер aт туубас; кароол карап, жер көргөн, кайгуулга чыгып жол салган; алдына салып чалгынды, артынан коюп кайгуулду. Сөздүктө жесек – застава, сторожевой отряд деп берилсе, жесекчи – разведчик (чалгынчы ал эми жасоол – исполнитель поручений при должностном лице (буйрукту аткаруучу), деген мааниде туура берилген [8, 318. 251. 238]. Адатта жесек малды жана айылды күнү-түнү жоодон сакташ үчүн кароолдо туруп кайтарган жана чалгынчылык кызматты аткарган [1, 71]. Кыргыздар жоого аттанаарда эң алдына чалгын кетип, андан кийин колдун коопсуздугун камсыз кылып жол салуучу кайгуул жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары поэмада колго дайындуу көрүнүп турсун үчүн туу башчынын турган жерин так аныктап, аскер кошунунун ыңгайлуу жерге жайгаштыруу керектиги айтылган. Айрым фольклордук маалыматтарга караганда кыргыздарда туу колдун баарына көрүнүп турсун үчүн бийик жерге тигилген, сайылган же орнотулган. Адатта тууну атчан жоокер кармап турган, туу кармоочу (желекчи) талап боюнча өзүнүн кароолун буйруксуз таштап кетпес үчүн анын атынын алдыңкы буттары тушалып коюлган [8, 171].

Урушка даярдануунун жүрүшүндө жоого тилди алдырбоо, тескерисинче алар колунун санын жана даярдыгын билүү үчүн душмандан тил алуу чоң жардам бере тургандыгы белгиленген. Жоонун күчүн жана сырын билиш үчүн тил кармап же тутуп келүү чабуул баштоодон мурда жасала турган өтө маанилүү иш болгон. Согуштук мындай амал көчмөндөрдө анын ичинде кыргыздарда дагы сакталган. Кыргыздардын аскер ишинде тил же тил сура деп аталган. Мисалы, «тилди кармап алалы, тилден тилди сурайлы» – пойма языка и получим от него сведения; «тил тарт» – тайно разведать, разузунать; «тил тартмакка келгенмин, тилимди ал, мергеним» – прибыл я сюда, чтобы разведать, послушай меня, охотник мой; «ушу келген кошундан тил чыгарбай кырды эле» – он уничтожил всех, чтоб не дать языка (который бы мог разгласить) [8, 735]. Демек, душмандын сырын ачып бере турган тилди кармап келүү, орто кылымдарда эле маанилүү аскердик амалдарга жаткан.

Аскердик дипломатия поэмада маанилүү чаралардын бири катары каралган. Анда душмандын колу сенден күчтүү экенин сезсең шашылуунун кереги жоктугу, андан көрө элчи жиберип жарашып алган оңураак болору айтылган. Бара турган элчи көрсөтмө боюнча жөн барбай сөзүн даярдап амал менен тил таба билүүсү, ашык сөзгө жол бербеши дурус деп белгиленген. Бизге белгилүү болгондой көчмөн элдер жарашуу максатында бири-бирине ак үйлүүгө берүү, аманат алуу сыяктуу дипломатиялык мамилелерди жүргүзүп тынчтыкты жөнгө салып турушкан.

Жоо менен беттешүүгө кирердин алдында ураан чакырып колду жетектөө, чабуулду көп созбой баштоо, күчтү топтоп чагылгандай жоого тез тийүү керектиги айтылган. Колду күжүрмөн даярдыкка келтирип катарга тизүүдө: алдына жаачандарды койгон, андан кийин үлгү болсун үчүн мыктыларды койгон, алдына да жана артына да эрлер турган, колдун калган бөлүктөрү салттуу түрдө оң жана сол канатка (флангага) бөлүнгөн.

Борбордук Азиянын көчмөндөрүндө дуальдык (кош бирикмелик) негиздеги аскердик уюмдашуу түзүлүшү байыркы жана орто кылымдарда кеңири таралган [5, 136-147]. Кыргыздарда дагы жакынкы мезгилдерге чейин колду кураганда эки канатка бөлүштүрүү принциптери сакталган. Канат хан 1916-жылкы көтөрүлүштө Токмокту алууга түшкөндө жалпы кошуунду дал ушундай эки канатка бөлгөн. Кошуун кезегинде өз ичинен араанга отряддарга бөлүнүп оң араан, сол араан, орто араанга [8, 63] ажыраган.

Согушта колдонуучу тактика амалдардын бири: эки тарап төш тирешип чабышууга бет алганда адегенде буктурмадан жебе жаадырылган. Адатта көбүнчө буктурмадан атчан жоокерлер чабуул койуп кол салуусу керек эле. Мында: кыязы каптап келе жаткан жоого карата буктурмадан жаа тартуу эске алынган. Андан кийин бетме-бет келгенде жакындан найза сунуп качыруу, айбалта, кылыч менен таамай чабуу керектиги көрсөтүлгөн. Албетте жоо менен беттешкенде жогоруда белгилегендей аянбастан согушуу талап кылынган. Ийгилик сен тарапта болуп жоо качууга кадам койсо анын артынан сая түш, бирок жеңилген жоо өлүм тонун кийгенге тете болгондуктан аларды кууганга азгырылба, кайрылган жоодон сокку алып калышың ыктымал, андан көрө колдун күчүн кетирбей кайра кайт деген көрсөтмө берилген. Кайтып келип эрдик көрсөткөндөргө олжо берип ыраазычылыгын ал, набыттарды ардак менен көмдүр жана балдарына арбын олжо бер дегендей кеңеш берилген.

Соңунда Акдилмишдин Эликке собол таштаганында, кылыч менен элди багынткандай калем менен бийликке жол сала турганын, калемсиз бийлик болбой тургандыгын, кылыч убактылуу көрүнүш болуп күч бийлиги көпкө чыдап түтпөй тургандыгын, ага караганда калем илимбилим таратып шаарларды багынтсаң келечекте жыргалчылыкка жол ачасың деген ой менен жыйынтыктаган.

«Кутадгу биликтеги» бул маалыматтар карахандар доорундагы аскер башчыга таандык күжүрмөн сапаттарды жана орто кылымдардагы согуш өнөрү менен тактикасына байланышкан баалуу кабарларды камтыган. Бирок, негизи эле Кыргызстандын орто кылымдардагы көчмөндөрүнүн жана мамлекеттик бирикмелеринин жоокер өнөрү, согуш иши, жалпы эле согуштук доктринасы тууралуу маселелер, кыргыз тарыхнаамасында изилденбеген маселе боюнча калууда. Бул аталган маселеге тиешелүү маалыматтардын аздыгынан эмес, аны издеп таап чыгуунун, аскердик иштин ар кыл жагдайларын калыбына келтирүүнүн жана аны иликтеп чыгуунун алгылыктуу усул – жол-жоболорун дурустап өздөштүрбөгөндөн болуп жаткандыгын эске алуубуз керек. Биз ушуга байланыштуу, ошол эле доордо жашап өткөн Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө бизди кызыктырган айрым маалыматтарга көңүл бурсак.

Сөздүктө чокуш – аскерлердин катарын түздөөчү, согуш алдындагы тартипти сактоочу башчы деп берилген [4, I. 641]. Сөздүн уңгусу чок термини менен байланышкан жана кыргыз тилиндеги сакталып калган тарыхый маанисинде ал жогорудагыдай эле башчы дегенди түшүндүргөн. К. Юдахиндин сөздүгүндө терминдин мындай тарыхый мааниси берилген. 1. чок ист. шишечка (томпок, Т. А.) на шапке китайского или калмыцкого начальника, чиновника; (в эпосе) кара чок калмыки, кызыл чок китайцы; 2. кызыл чок ист. конный вестовой при канцелярии или должностным лице местной админстрации; илгерки болуштардын кызыл чогундай жүрөт. 3. перен. (в эпосе) китайский или калмыцкий начальник, чиновник; калмак, кытай чоктору [8, 864].

Терминдин тарыхый өтмө мааниси бир аз өзгөрүлгөнү менен негизги уңгу чок терминине байланышып – чокуш (X к.) кол башчы; кызыл чок, кара чок (XVIII к.) башчы же бийлик кызматкери; колониялык доордо кызыл чок (XIX к.) волосттук башкаруучунун (болуштун) алдындагы чабарман же кабарчы маанисинде түшүндүрүлүп калган. Демек архаизмге айланып колдонуудан калган кыргыздын эски сөзүндө чок же чокуш башчы дегенди түшүндүргөн деп билсек болот. Терминди текшере келгенде ал кийинчерээк антропонимге – кишинин сейрек коюлуучу ысымына (мисалы, Чокуш, Чокушев) айланып кеткен.

Махмуд Кашгаринин сөздүгүнөн аскердик-согуштук өнөргө жана жарак-жабдыктарга тиешеси бар бир катар сөздөрдү жана терминдер учурайт. Мисалы: басыг – түн ичинде кол салуу. Айтышат: ол аны басыгында тутты – ал аны түнкү кол салууда тутту (кармады); бусуг – буктурма; башак – октун учуна кийгизгич, найзанын учу; түвек – камыштан жасалган түтүкчө, дарактан да жасалат. Аны менен канаттуларды атат. Ошондой эле найза маанисинде, бул чыгылча; черик аскер катары; тулум – курал, жарак; кылыч камчы – кылыч салынуучу камчы (кын сыяктуу); тугруу – кылыч, бычак жана канжардын сабы; кесмек – жайык темир октун (жебенин) учуна кийгизгич; калкаан – калкан, дагы башка түрү калкан курмаан – саадак: Өгүз, кыпчак тилдеринде. Айтышат– кииш курмаан – кын (зоот) менен саадак. Бул сөз куур маан кур байлан – деген сөздөн келип чыгат; булгач – бүүлүк. Душман каптап кирген кездеги башаламандык, ызы-чуу; туграг – согуш, же жарышка аскерлери берилүүчү хандын аттары, бардык нерсеге бүткөн соң аттарды кайрып алат; тутгак душмандын алдыңкы бөлүмүнө түн ортосунда чабуул жасап, басып алуучу аскер бөлүгү; кабгак – капкак, саадакты жапкан капкак; кувлук – ылайдан жасалаган ок, кургак жана нымдуу абалында ата берсе болот (күбала, күбале – ылайдан тоголок жасалып кыш ордуна дубал тургузганга колдонулган) [8, 458], бечкем – жибектин боосундай, же жырткыч жапайы буканын куйругундай болгон белги. Салгылашуу күнү баатырлар байлап алышат; окка йелим йапчунды

– Окко желим жабыштырды (жүн, канаттын талын); су йумурланды – Аскер чогулду, топтолду. Огуз тилинде; ер йаркыланды – Эр жарактанып соот кийди (йарыкланур, йарыкланмак); туз – саадакка байланган оромо кайыш, кур; киш – саадак, огуздар жана алардын агалары кыпчактар бул сөздү билишпейт; сай йарык – соот; куба йарык – темир зоот; торы калкан – калкан, соот душмандан коргонуу үчүн колдонулган курал-жарак, кийим; теке – теке мүйүзүнөн жаа жасалат; чыргуй – шыргый жебенин башынын калың, жоон капталы; каргой – бийик жерде, же тоонун үстүнө турузулган чырак коюлган кароол мунара, анын үстүнө от жагып душмандардын келип калганын кабарлайт, ага карап адамдар даярдык көрүшөт; темүрчи кылыч токыды – Темирчи кылыч, бычак (ж.б.) сокту; ол ок йелимледи – Ал октун учун желимдеди (жабыштырды):[4, I. 645, 656, 677, 691, 727,731 751, 763, 767, 793, 797, 805, 811,823, 829- бб.; 3, ІІ. 459. 3, III. 151,155, 163, 179, 181, 237, 329, 335, 337, 351, 355, 367,405, 509, 653].

Сөздүктөгү бул терминдер карахан түрктөрүнүн тилинде болсо да түшүнүктүү эле берилгендиктен алардын айрымдарынын мааниси жана жасалуу ыкмалары бизди кызыктырбай койбойт. Мисалы, түвек чигилдердин тилинде найза маанисин туюндурары белгиленген. Бул терминдин кыргыз тилиндеги өтмө мааниси найзанын түпөгү менен байланышкан. Түпөк жылкынын жалынан же топоздун куйругунан жасалып найзанын учу менен сабынын ортосуна байланган. Кыргызча-орусча сөздүктө Түпөк 1. пучок конского волоса; 2. ист. бунчук (кисть из конско волоса или хвоста яка, привязывающаяся к древку копья) [8, 787] деп мааниси так берилген. Фольклордо кызыл түпөк сыр найза, түпөгү жок найза, түпөктүү найза деп айтылат.

Сөздүктөгү бизди кызыктырган терминдердин бири бул булгач. Дивандагы анын маанисин – бүүлүк (бүлүк), душман каптап кирген кездеги башаламандык, ызы-чуу деп берген. Ушуга байланыштуу кыргыздардын ичкилик уруулар тобунун түпкү атасы катары XVI к. жазылган «Маджму ат-таварихте» [3, 395-397] жана санжыра маалыматтарында Салус-бек Бугачинин (Салвас бий булгачынын) эскерилиши кызыгууну туудурат. Аталган жазма булак боюнча ичкилик уруулук тобу булгачы деп аталган. Терминдин келип чыгышын моңголдордун булаагачин уруусу менен байланыштырган пикирлер да болгон. Бирок бул маселеге жакындан көңүл бурган А. Мокеев булгачи этнониминин мааниси байыркы түрк тилиндеги булга – козутуу (мутить), өтмө маанисинде баш аламандыкты баштоочулар деген маанини бере тургандыгын жана ал XVI к. автор Мухаммед Хайдардын кыргыздарга берген мүнөздөмөсүнө дал келе тургандыгын белгилеген [5, 110-112]. Демек Моголстандын саясий тарыхында чечүүчү роль ойногон кыргыздардын бир бөлүгүнүн булгачы аталып калышынын тарыхый негизи бар экендигин ушундан баамдасак болот.

Келтирилген маалыматтар карахандар каганатын байырлаган уруулардын аскердик-согуштук өнөрүнүн айрым жактарын билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул албетте жетишсиз, бирок келтирилген маалыматтар келечекте орто кылымдардагы аскердик-согуш өнөрдүн маселелерин археологиялык табылгалар менен жазма даректердеги кабарларды менен салыштырып иликтеп чыгууну талап кылат. Анткени каралып жаткан маселе кыргыз тарыхнаамасында дагы эле аз изилденген проблема боюнча калууда.

Колдонулган булактар жана адабияттар:

  1. Алымбектин санжырасы. (Абылай хандын доорундагы кыргыз-казак мамилеси. XVIII к. окуялары) – Бишкек, 2016.
  2. Жусуп Баласагын. Куттуу билим: Дастан / Байыркы түрк тилинен котор. Т.Козубеков. – М., 1993.
  3. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары / котор. М.Кожобеков, Т.Абдиев. – Бишкек, 2002.
  4. Махмуд Кашгари. Түрк тилдеринин сөздүгү – Дивану Лугат т-түрк: I том. Которгондор: Т.Токоев, К.Кошмоков. – Бишкек, 2011; II том. 2012; III том. 2012.
  5. Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010.
  6. Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер. 1-китеп. – Бишкек, 1993.
  7. Усенбеков К., Абылгазиев Б., Кадыров Ы. Аскер иши боюнча терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. – Фрунзе, 1986.
  8. Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. – Бишкек, 1999.

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу