📍 Бүгүн, 2025-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун имаратында түрк тилдүү элдердин ортосунда маанилүү маданий жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Түркиядан жана Казакстандан келген коноктор, ошондой эле Кыргызстандын акын-жазуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандан келген “Болот Медиа” өкүлү эки элдин чыгармачыл алакасын бекемдөө маанилүү экенин баса белгилеп, “Жумакен”, “Үч Коңур”, жана “Махамед” аттуу газета-журналдарды катышуучуларга тааныштырды. Бул басылмаларда 2023–2024-жылдар аралыгында жарык көргөн кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары кеңири чагылдырылган. Ошондой эле “Болот Медиа” Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна 2023-2024-жылдары газета-журнал болуп чыккан архивдик материалдарын толук бойдон тапшырды.
Үч тилде жарык көргөн уникалдуу антология.
Сыдыканова Кайыргүл Жолдошбековна, “Рух Бейне” Эл аралык чыгармачыл академиясынын президенти, жазуучулар союзунун мүчөсү катары, иш-чарада Түркиядан келген кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан түзүлгөн “Anadolu Rüzgarı – VII” аттуу антологиясын тааныштырып өттү. Бул өзгөчө эмгек түрк, кыргыз жана англис тилдеринде жарык көрүп, эл аралык адабий коомчулукта чоң кызыгуу жаратты. Антологияга кирген авторлорго атайын сертификаттар жана өз чыгармалары камтылган китептер тапшырылды.
Ошондой эле, кыргыз жазуучулары Бүбүйра Бектенова жана Орозматов Гаарбанын чыгармалары Казакстандын жогорку окуу жайларында окулуп жаткандыктан “Болот Медиа” тарабынан бул авторлорго сертификаттар тапшырылды.
Жыйынтыгында, маданий кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, “Болот Медиа” жана Түркиядан келген чыгармачыл уюмдар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдиришти.
Бул иш-чара түрк дүйнөсүндөгү чыгармачыл күчтөрдү бириктирип, улуттук адабияттарды даңазалоого жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
___________________________________