Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы, “Турар” басмаканасынын ээси Тилек Мураталиев жана акын Дүйшөн Жапаров каза болду.
Тилек Мураталиев 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
1977-жылы Кызыл-Дөбө орто мектебин бүтүргөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетине тапшырып, 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган.
1982–90-жылдары КМУда (КУУда) окутуучу болуп иштеген.
1990-жылдан тартып Бишкек шаарында полиграфия тармагында чакан ишкердик менен алектене баштаган.
1996-жылы жеке менчик “Турар” басма үйүн ачып, демилгелүү жана уюштургуч иш-аракетинин натыйжасында аны Кыргызстандагы ири жеке басмалардын бирине айланткан. (Басма үйүнүн аталышы маркум атасы Тураркулдун элесине арналган).
Тилек Мураталиев пост-советтик Кыргызстандагы агартуу жана маданият тармагына демөөрчү катары зор эмгек сиңирип келди.
2000-жылдары жеке демөөрчүлүгү менен “Жаңы Ала-Тоо” журналын чыгарган.
Азыркы тапта “Турар” басмасынын толук демөөрчүлүгү астында “Ала-Тоо” деген тарыхый атын сактаган адабий-көркөм журнал жарык көрүп келет.
Тилек Мураталиевдин демөөрчүлүгү менен “Арча” адабий сыйлыгы уюштурулган. Анын лауреаттарынын арасында таанымал акын жана романчы Акбар Рыскулов, тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев бар.
Тилек Мураталиев Улуттук жазуучулар союзунун ишмердигин да колдогон, анын жооптуу катчысы болуп иштеп келген.
Калайыкка өзгөчө керектүү адабий-көркөм жана коомдук-саясий китептерди, илимий жыйындардын жыйнактарын, журналдарды жана альманахтарды “Турар” басмасы өтө арзан баада басмадан чыгарып келгендиги да Тилек Мураталиевдин атуулдук чечимине түздөн-түз байланыштуу болгон.
Ал Кыргызстандагы иштери менен гана чектелбестен, дүйнөнү түрө кыдырып, Чыгыш Азия, КМШ, Түркия, Батыш Европадан өзүнө өнөктөштөрдү таап, эл аралык китеп жарманкелерине ырааттуу катышып, басма ишиндеги эл аралык кызматташтыкты өөрчүтүүгө зор салым кошуп келди.
Тилек Мураталиев Кыргызстандагы басма ишиндеги алгылыктуу ишмердиги үчүн 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен, 2016-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
_______________________________________________________________________
Дүйшөн Жапаров 1959-жылы туулган. 1990-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы, Улуттук китепканада кызматкер болуп иштеген.
Ал “Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат”, “Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат” деген өңдүү кош саптары менен элдин сүймөнчүктүү акынына айланган.
Дүйшөн Жапаровду адабият таануучулары сексенинчи-токсонунчу жылдардын “буюккан мууну” атыккан акындардын катарына кошуп жүрүшөт. Анын калемине таандык ырлары “Ленинчил жаш” гезитине, “Учкун” альманахына чыгып турган. “Жоголгон ырлар” деп аталган жалгыз китебин 2013-жылы Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев чыгарып берген.
Акын Дүйшөн Жапаровдун каза болгондугуна байланыштуу жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
КРУЖС Башкармалыгы