КР Эл жазуучусу К.Ашымбаевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин 90 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө жазуучунун китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Т.Колдошов, министрликтин алдындагы улуттук адабиятты өнүктүрүү борборунун башчысы, КР Эл акыны К.Култегин, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акыны Т.Мамеев, О.Ибраимов, Л.Үкүбаева ж.б. акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү, адабият ишмерлери, китепкананын эмгек жамааты катышты.

Калканбай Ашымбаев 1932-жылы 10-сентябрда Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында туулган.
1952-жылы Караколдогу окутуучулар институтун, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
1952-жылы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1959-жылдан «Ленинчил жаш» гезитинин адабий кызматкери, «Мугалимдер газетасынын» бөлүм башчысы, «Кыргызстан маданияты» гезитинин улук кабарчысы, «Ден-соолук» журналынын редактору, «Чалкан» журналынын фельетон бөлүмүнүн башчысы жана редактору болуп иштеген.
1957-жылы «Жаш ленинчи» журналына «Атасы айыктырды» аңгемеси жарыяланган.
1963-жылы «Көк конверт» аттуу алгачкы аңгемелер жана повесттер жыйнагы жарык көргөн. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Жарлыктары менен «Бой тумар», «Батакөй чал» аттуу китептери окуу программасына киргизилген.
1960-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1976-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
«1941–1945 Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ветераны», Улуу жеңиштин 30, 40, 50, 60 жылдык юбилейлик медалдары жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
«Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, «Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер» (1992) “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” ардактуу наамдары ыйгарылган.
И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору.