Түркиядагы зилзалага реквием
Жерге төшөп койгон килем баштанып,
желп эттире серпти бирөө шак барып –
күбүлүптүр далай шаарың, Түркия,
күркүрөгөн өнүгүүдөн таш калып…
Шаарлар турчу асман тиреп апкаарып!
Шайма-шайлуу сан-миң журтуң шаттанып!
Бүлүнүптүр ошол дүйнөң, Түркия,
бүт өсүштөн мойну үзүлгөн баш калып…
Караңгылык, ак жарыкка төгүлдүң,
кара чачтар, кара түнгө өрүлдүң.
Сойлоп-кулап баратып да шым кийип…
соңку чегин та-арс сүзүштү өмүрдүн…
Ал-ансайын атып чоктой чаңырык…
аласалып жатканы да жалынып…
Ай, Күн, Жердин бети кошо айрылды –
ар жеринен дубал-шыптар жарылып…
Эмне болуп кетти-и? Түшпү… өң беле…
эмип жаткан ымыркайды бөлдү не?
Эмчегиме түшсүн балам – жумшак деп,
эх-х, былч этип… чалкасынан өлдү эне…
Коргогон бар – боорго кысып куранды…
коштоп айткан келме кошо куланды…
Узун-туура сулап… ка-арс-курс… будуң-чаң…
будуң-чаңдан баш көтөрдү уранды…
Айткан келме бүткүчөктү – тыңдасаң,
атып көз-жаш чыккычакты – ыйласаң,
астын-үстүн түшүп калды дүнүйө,
асман түшүп кеткен өңдүү кыйракан!
Баш жөлөшүп устундар доош чыгарбай,
баш соройтот арматура жыландай.
Мезгил, дүйнө, теле, гезит, соцжеле
нес абалда карап турат жылалбай.
Оо, Түркия, кандаш, жандаш тирөөчүм!
Он түркүгү сынган Ордо бир өзүң.
Кыйроодогу көз-жаш бойдон салаалап,
Кыргыз Ата сакалында жүрөсүң.
Чуурган жаштай төктү кыргыз терин бу –
чукуп-издеп урандыңдан кемиңди.
Тимеле бир жүрөгүң таап бергенсийт –
тирүү сууруп боюнда бар келинди!
Ымыркайды тапты кийин – бактың эң!
Ысып жүрөк, алайып көз, катты дем!
Тырбалаңдап кыргыз алаканында
тынбай кол-бут “Бейпилдик!” деп жазды бейм!
Кары тапты, аял, жигит, кыз тапты!
Карып сааттар, тирүүлөр аз чыкпаспы –
кабар угуп калчылдаган жүрөгүн
кабыр жыйнап караргыча сыздатты.
Кыргыз жетти үйү менен – кыялдай,
кыйналгандар турсун, тарых сыяардай!
Очогунда зилзаланын – биримдик
онтоп… сыздап… оболоодо чынардай!
Зилзаланын очогунда – боордоштук
сыздап… аяп… оболоодо чынардай!
Бишкек. Февраль. 2023-жыл