Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин 1960-жылы 18-февралда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алайку өрөөнүнүн Көгарт кыштагында жарык дүйнөгө келген. 1977-жылы айылдагы Андрей Сидоров атындагы орто мектепти аяктаган соң, эмгек жолун Ош шаарындагы Текстиль комбинатында жумушчу болуп иштөө менен баштаган.
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналисттик бөлүмүн, 1993-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун эки жылдык Жогорку адабий курсун бүтүргөн.
“Кыргызстан”, “Адабият” басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда чыгармачыл жаштар менен иштөө секциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратында референт, өкмөттүк “Эркин Too” гезитинде башкы редактордун 1-орун басары кызматтарында эмгектенген.
2010-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басарыкызматын, 2014-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү дипломатиялык кызматын аткарган.
Кожогелди Култегиндин алгачкы чыгармалары 1976-жылдан – мектепте окуган кезинен баштап гезиттерге жарыялана баштайт. Поэзия дүйнөсүнө эртелеп аралашып, 1982-жылы “Ала-Too поэзиясы” фестивалынын, 1986-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык III Жумалыгынын лауреаты болгон. 1989-жылы Бүткүл союздук жаш акын-жазуучулардын Москвада өткөн семинар-кеңешмесине катышып, ошол семинар-кеңешменин жолдомосу менен СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Ал “Жолчырак” (1985), “Шамалдагы үн” (1989), “Дарбаза жолго ачылат” (1993), “Бал ууртам” (2001), “Жүрөк конуш” (2008), “Бир чөнтөк ыр” (2009), “Салам менен аликтин ортосунда” (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014), “Каламдын учу – ааламдын учу” (2017), “Атчан китеп” (2019), “Адамдар – чекиттердин жарымындай” (2023) аттуу ыр жыйнактарынын автору. 2020-жылы Чыгармаларынын беш томдугу кыргыз тилинде Түркиянын Анкара шаарында жарык көргөн.
Түркиядан ошондой эле түрк тилинде 2018-жылы “Köklerden Kanatlara Kadar”, 2020-жылы “Bursa Çınarı” аттуу ыр китептери жарык көргөн. Ушул эле жылы казак тилинде “Жүрек қоныс” деген ат менен, Түрк дүйнөсүнүн 7 тилинде – азербайжан, түрк, якут, өзбек, казак, кыргыз, башкырт тилдеринде “Avuçtaki Dünya”деген ат менен китептери басылып чыгып, адабий коомчулукта кызыгуу жараткан.
Кожогелди Култегиндин орошон эргүү менен жазылган “Контаажынын сүйүүсү”, “Шыпыргы өмүр”, “Каректе калган жай”, “Мөөркан апа”, “Башка чабылган скрипка”, “Шөлбүр кыз” поэмалары, “Курманбек” дастаны – акындын эпикалык жанрларда дагы ийгиликтүү иштеп келе жаткандыгынын далили. Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз улуттук драма театры тарабынан 2001-жылы “Түндүктү ким көтөрөт?» аттуу драмасы боюнча спектакль коюлган. Ал эми 2021-жылы акындын «Шыпыргы өмүр» поэмасынын негизинде М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры ошол аталышта спектакль даярдап чыгарган.
Кожогелди Култегиндин Кожо сөздөрү (Таамай сөздөрү) эл оозуна арбын алынып келаткандыгы ырас. Ошондой эле «Ыр маанилүү кара сөз» эсселер түрмөгү дагы анын чебер калемине таандык.
Акындын чыгармачылыгы тууралу Академик Аскар Какеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев, филология илимдеринин докторлору Үмүт Култаева, Аида Эгембердиева, Кыргыз эл акындары Анатай Өмүрканов, Карбалас Бакиров, адабиятчы-окумуштуулар Пайзилда Ирисов, Кутубек Оморкулов, акын-жазуучулар Салибай Шатманов, Таш Мияшев, Кармышак Ташбаев, Атантай Акбаров, Барчынбек Бугубаев, Мундузбек Тентимишев, Жаныбек Өмүралиев, Каныбек Иманалиев, Эсенбай Нурушевжана башкалар түрдүү китептери боюнча макалалар жазышып, акындын чыгармачылыгына жогору баа беришкен.
Түркиялык адабиятчы-окумуштуулар Нажие Ата Йылдыз, Огузхан Айдын, Кенан Чарбога, Жамиле Кынажы, Осман Чебиксой жана башкалар да акындын түрк тилиндеги ырларынын өзгөчөлүгүнө дароо реакция жасап, макалалар жазышкан.
Кожогелди Култегин көп жылдардан бери көркөм котормо жаатында жемиштүү эмгектенип келет. Орус акындары Афанасий Феттин, Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Андрей Вознесенскийдин, Роберт Рождественскийдин, Евгений Евтушенконун, Юрий Кузнецовдун, испан акыны Xуан Рамон Xименестин, түрк акындары Каражаогландын, Назым Xикметтин, Нежип Фазылдын, Орхан Велинин, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, болгар акыны Любомир Левчевдин, Азербайжан акындары Имадеддин Насиминин, Хүсейин Жавиддин, өзбек акындары Абдулла Ориповдун, Эркин Вахидовдун, Гайрат Мажиттин, казак акындары Магжан Жумабаевдин, Мухтар Шахановдун, Мукагали Макатаевдин, Темирхан Медетбектин көптөгөн ырларын кыргыз тилине которуп, аларды китептеринде жарыялап келүүдө. 2021-жылы Азербайжан драматургу жана акыны Хүсейин Жавиддин тандалган драмалары менен ырларын окумуштуу Калмамат Куламшаев менен бирдикте түрк тилинен кыргыз тилине которуп, өзүнчө көлөмдүү китеп кылып чыгарышты.
Кожогелди Култегиндин бир катар ырларына Исирадин Аманбаев, Адылбек Кыязов, Кубанычбек Осмонов, Сардарбек Жумалиев, Атайбек Бөдөшев, Болот Токтобаев, Сыймык Бейшекеев, Арзыбек Бедияров, Нуркан Турсунбаев, Абас Чикеев, Кенжекул Мендебаиров, Айбек Карымов, Юсуф Гүл (Түркия) сыяктуу обончу-композиторлор обон чыгарышып, алар эл оозунда ырдалып жүрөт.
Кожогелди Култегиндин жазган сценарийлери боюнча 1990-жылы Тоголок Молдонун 130 жылдык мааракеси Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Алыкул Осмоновдун 75 жылдык мааракеси Чүй облусунун Панфилов районунда мамлекеттик деңгээлде майрамдалган. 1988-1990-жылдары Нооруз майрамын калыбына келтирүү иштеринде өзүнүн өзгөчө жигердүүлүгүн көрсөтүп, нооруз боюнча алгачкы макалаларды жарыялаган. Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин колдоосу менен Ноорузду Бишкек шаарында, облус, район борборлорунда өткөрүү боюнча алгачкы сценарийлерди жазып, ошол сценарийлердин негизинде Кыргызстанда Нооруз улуттук майрамы калыбына келтирилген.
Кожогелди Култегинге 1995-жылы “Дарбаза жолго ачылат” аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы “Бал ууртам” китеби үчүн Жолон Мамытов атындагы сыйлык берилген. Ошол эле жылы Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу болгон. 2017-жылы Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министрлигинин “Маданияттын мыктысы” медалына татып, 2019-жылы Чыңгыз Айтматов Академиясынын академиги болуп шайланган.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2004-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы, 2016-жылы Кыргыз Эл акыны жогорку наамы ыйгарылган. 2020-жылы акындын 60 жаш мааракеси Түркиянын Анкара шаарында эл аралык деңгээлде белгиленип, ТҮРКСОЙдун “Ардак” алтын медалы менен сыйланган.
2024-жылы поэзия жанры боюнча “Алтын калем” сыйлыгын жеңип алды.
2025-жылы Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар уюмунун (WOW) Алтын медалы жана Ош облусунун “Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды.
