Ооруп жаткан кошунасынын ал-абалын сураганы
барган кулагы керең адам жөнүндө
Бир дүлөйгө айтышыптыр: “Каада күтүп калдыңбы?
Коңшуң ооруп үйдө жатат, ага басып бардыңбы?”
Дүлөй ойлойт: “Кулак керең, кантип билем абалын,
Суроо берсе кантип табам жооп берүүнүн амалын?”
Эч айла жок, барыш керек куубасам да илдетти,
Барбай коюп унутамбы кошуналык милдетти?
Керең болуп калсам дагы бар го менде акыл-эс,
Кыймылдаткан кезде эрдин, түшүнөрмүн ага тез.
-Кантип калдың? – деп биринчи кайрыламын мен ага,
-Мурдагыдан жакшымын – деп жооп кайтарар ал мага.
Мен кубанып: Жакшы, – деймин, – дал ошондой болсун, – деп…
Эмне жедиң десем айтар: – “Суусун жуттум, ботко жеп”.
-Рас кыласың, жегин, – дейм да тура бербей дагы тим,
Сурайм андан: – келип сени дарылаган табып ким?
Бир табыптын атын айтар, кой деп көңүл калбасын,
Мен жооп берем: – Рахмат ага, ишин кудай жалгасын!
Чынында ал мыкты табып, баары келет колунан,
Көп кыйналтпай айыктырат иши чыгып оңунан.
Дал ушундай иретинде сөздү камдап сүйүнө,
Керең неме кирип келди оорулуунун үйүнө.
Кубанычтуу кадам шилтеп, берип ага саламын.
Сурап калды: – “Кандай деги ден соолугуң, абалың?”
Шордуу айтты: – “Өлмөк болдум, дарт тынат го акыр жеп”.
Керең турат: – “О кудайым дал ошондой болсун!” – деп.
Аргасы жок… ансыз деле басып жатса муң-кайгы,
Берки болсо ойлоп калды: “Бул душманым турбайбы!”
Ал ошентип күбүрөнсө жаман ою бекемдеп,
Дүлөй ойлоп, коңшу мага сүйлөп жаткан экен деп.
-Не ичесиң? – десе берки жини келип айтты: – “Уу”,
“Рас кыласың, көбүрөөк ич, ошол сага пайдалуу”.
Деди дүлөй, сөзүн улап: – Табып кандай, ким? – деди
-Азрейил, жан алгыч – деп ооруп жаткан жинденди.
Антсе дүлөй: “Жакшы болду, кудай ишин оңосун,
Мыкты табып деп угамын мындан жакшы болосуң”.
Деп айтат да, өз ичинде көтөрдүм дейт көңүлүн,
Жакшы сөзүм узарткандай болду анын өмүрүн.
Барганыма сүйүнгөндөн көзү жашка толду го,
Жакшылыкты өмүр бою түк унутпас болду го!
Деп сүйүнсө, берки жатты ичтен аны жек көрүп,
Мындан ары керең менен сүйлөшпөөнү эп көрүп.
Такыр сезбей ырбатканын ого бетер илдетти,
Дүлөй жүрдү аткардым деп кошуналык милдетти.
Улукман аттуу кул менен бөлөк кулдар
жана алардын кожоюну жөнүндө
Бөлөк кулдар тапан келип, амалкөй да, шок болчу,
Алар теңдүү Улукман го шум жагынан жок болчу.
Кожоюну сырын билген, мүнөзү жоош, эң жумшак,
Алма терип келгиле – деп, бардык кулун тең жумшап.
Ишке салат. Беркилер го Улукманга күлүшөт,
Ар ким аны өз ичинде кем акыл деп жүрүшөт.
Кечке чейин алма терип, көбүн жешип, чардашат,
Курсактарын көтөрө албай, аягында чарчашат.
Кожоюнга даттанышат: “Улукман жеп, тойбоду,
Терип койгон алмабызды жөн-жайына койбоду”.
Кожоюндун жини келип Улукманга бакырды,
Ал, сыпайы таазим кылып: – Токтот, – деди – акылды.
Күнөөсү көп, жалган айткан кул турмушта оңобу,
Андайларга теңиримден кайрымдуулук болобу?
Сага чындык керек болсо сына бизди бир ирет,
Ким ушакчы, ким жалганчы, дал ошондо билинет.
Сыноо өтсүн деп ойлосоң маанилүү да, кызыктуу,
Ичир, таксыр, баарыбызга кайнабаган ысык суу.
Ичирген соң, жалпы чуркат, даңгыр жолго салбагын,
Өзүң болсо атты минип, артыбыздан калбагын.
Бул чоң сыноо болгон ишке көздү даана ачып да,
Биротоло баарыбызды алып чыгат ачыкка!
Кулдун баарын чогултуп ал таң калгандай сыйлаптыр,
Кайнабаган ысык сууну ич деп шыкап, кыйнаптыр.
Ичирген соң чуркатыптыр, өзү түшпөй атынан,
Шашпай желип жүрө берет тигилердин артынан.
Бир убакта алигилер алдан тайып токтошту,
Жегендерин жалпы окшуп айбандарга ойшошту.
Эртең менен жегендери сыртка чыкты көрүнүп,
Унчугушпайт абийирлери жаман гана төгүлүп.
Улукмандын оозунан го таптаза суу чыгыптыр,
Ал ошентип акыл менен душмандарын жыгыптыр.
Султанга үйлөнүп жатканынын себебин
айтып берген маскарапоз жөнүндө
-Маскарапоз, – дептир султан шыбыр айтып, – баягы
Аялдыкка аларыңдын суюк экен аягы.
Мага айтсаң кеңеш берип, жардамга тез келмекмин,
Асыл аял кайда экенин даана айтып бермекмин.
Жооп бериптир маскарапоз: – Асыл деген аялың
Мени менен турмуш курса тез бузулат. Аягын!
Бузулганга үйлөнөмүн кирбей элдин сөзүнө,
Бара-бара оңолуп ал чөп салбастыр көзүмө.
Кезегинде ойноп алды келишинче колунан,
Өзү деле тажагандыр бузулгандык жолунан.
Биринин тилин бири түшүнбөгөндүктөн
жүзүм үчүн төрт адамдын чатакташканы жөнүндө
Бөлөк тилди түшүнбөстүк жаман деги турмушта,
Ал достукту бекемдетпей алып келет урушка.
Бир нерсе эле бардык тилде ар башкача аталып,
Кээ бир кезде чырга айланат, билбестикте – каталык.
Түрк келатты парсы менен кошулушуп грек, араб,
Бир дирхемди бирөө берет соопчулукка тек жарап.
Колго тийген бекер акча ортолорун жарды бейм,
Он уктаса, түшкө кирбес азаптарга салды бейм.
Парсы айтат: – Олжобузду ортобузга салалы,
Аныбызга даамдуу, ширин ангур сатып алалы.
-Бул сөзүңдү токтот шумпай! – олурая бир карап, –
Ангуруңду каалабаймын, эйнаб жеймин! – дейт араб.
-Койгула! – деп сөз талашып түрк да мындай дебеспи –
Чырды коюп жүзүм жейли, ошол ширин эмеспи.
Жини келип гректин дагы: – Оңбойсуңар дегеле,
Ажылдашпай стафиль жейли, даамдуу келет эң эле.
Бирин-бири түшүнүшпөй, бир бүтүмгө келалбай,
Төртөө мушка тоюшту бейм айткандарын жей албай.
Бар болгону ортосунда тескери ой түзүлгөн,
Болбогондо төртөө бирдей жешмек экен жүзүмдөн.
Өз тилинде ар кимиси жүзүм жейбиз дешиптир,
Түшүнбөстүк айып болуп таяк гана жешиптир.
Ызаа, ачуу өкүм сүрүп кээде мындай иштерде,
Зыян гана келтиришет көз, кабырга, тиштерге.
Төртөөнүн тең тилин билген бирөө болсо арада,
Мушташтырбай элдештирмек чаң чыгарбай талаада.
Акчага ал тигилердин каалаганын алдырмак,
Жаңжал эмес, ырахатка моокумдарын кандырмак.
Билгендиктин касиети – зор дүнүйө, курал-күч,
Чырды басат, туура чечет, болбойт арты өкүнүч.
Уруп, сабап тарбиялагандын пайдасы жөнүндө
Бир жетимди ээси сабап, колдон камчы түшүрбөйт,
Таяк жеген шордуу неме эч нерсеге түшүнбөйт.
Сабаганын бирөө көрүп, жаны кейип, курушуп,
Келип ага айткан экен кыжырланып, урушуп:
-Эмне эле сен бул жетимди уруп-сабай бересиң?
Кудайдан бир корксоң боло, таш боор кандай немесиң?
Таңыркаган зөөкүр анда жоопту минтип кайтарды:
-Жетимге мен тийген жокмун, сабап куудум шайтанды.
Бул жетимди шайтан минип, ниети жок тоготор,
Бир күнү ал экөө мени түбүм менен жоготор.
Каяктагы сөздөр менен эне тилдейт баласын,
Ал ошентип айдасам дейт жаман жорук балаасын.
Азык жана азыктануучу жөнүндө
Куртту чымчык тумшугуна илип алган кез эле,
Мышык аны аңдып жаткан, тырмагына тез эле
Илиндирди. Бир заматта шумдугуң кур дүйнө кем,
Көрчү, чымчык азыктанып, өзү дагы болду жем.
Жашоо шарты ушул экен, мисал үчүн алганда,
Түбөлүктүү эч нерсе жок бул туруксуз жалганда.
Көчөдөгү эшектерди кармап жатышкан
адамдарды көрүп, үрөйү учкан киши жөнүндө
Калч-калч этип, не болгонун ким каяктан билиптир,
Бир бейтааныш шашып, чуркап чоочун үйгө кириптир.
Үйдүн ээси: – Кимсиң, – деди, – жаның барбы кенедей?
Не себептен калтырайсың безгек баскан немедей?
Ушул сага караганда калчылдабайт карган чал,
Жашы жетип бүкүрөйүп өлөйүн деп калган чал!
Жооп бериптир корккон неме бүткөн боюн басып тер:
-Бардык жердин эшектерин кармап жатат желдеттер!
-Сен адамсың эшек эмес, көргөндөрүң түшүндүр?
Коркуп үйгө киргениңдин себептерин түшүндүр.
-Хан буйругун аткарышкан көзү сокур эшектер,
Ылгабастан колго тийген көрүнгөндү эшек! дээр.
Акмактарың, кармап алса эшек деши ыктымал,
Мени айбан деп аларың эсептеши ыктымал.
Баш-көзүбүз султандын да акыл-эси, – дешет, – кем,
Макулук дейт адамдарды айыра албаган эшектен.
Кой, төө, буканын жолдон бир кучак
чөп таап алышкандыктары жөнүндө
Төө менен кой, бука болуп бойлоп жүрүп алышты,
Арабадан түшүп калган таңгак чөптү табышты.
Кой айтыптыр: – Бөлүшкөндө чөп өзү да кенедей, –
Тоёбузбу? Жутунбайлы, жарыбаган немедей.
Андан көрө ойлонолу, туура болот мунубуз,
Чөптүн баарын жесин жалгыз үчөөбүздүн улуубуз.
Тээ, илгери пайгамбарлар калтырыптыр накыл кеп,
Айтышыптыр: – эң биринчи улууларды сыйла! – деп.
Бука мөөрөп мындай дептир: – достор, жөндүү сөзгө бай,
Эстүү койдун бул сунушу мага жакты аябай.
Таржымалды айтпайлыбы, кудай бетин салбасын,
Улуу болуп чыкканыбыз чөптүн баарын жалмасын!
Кой мындай дейт: – Тоо-таштарда жан-жаныбар, айбандар,
Өз алдынча жүрүшкөндө мени бакчу пайгамбар.
Кечке чейин жайылчуумун жайлоосунда кооз, кенен,
Ыбрайымдын союп жеген козусуна дос элем.
-Баарыңардан мен улуумун, – деди бука, – эсимде,
Сокосуна Адам Ата чеккен мени кезинде.
Төө экөөнүн жалган сүйлөп жатканына таң калып,
А деп чөптү тиштеп алып, калбас үчүн алданып.
Мойнун өйдө созду дагы мындай деди: “Жолдоштор,
Айтсам, мага экөөңөрдөй калпычыны колдош оор.
Кимиң улуу экениңе кызыгып да койбоймун,
Себеби? Мойнум узун, мен уттум деп ойлоймун.
Ошондуктан чөптү өзүм жалгыз жалмап салайын,
Кантип эле мен силерден кичүү болуп калайын!”
Которгон: Кубанычбек Басылбеков