А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китебинин бет ачары болду. Иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, маданият, искусство өкүлдөрү, студенттер, китеп күйөрмандары катышты.
Көк дептер – автордун 15 жашынан бери жазып келе жаткан күндөлүктөрүнүн негизинде жазылган китеп. Турмуштан алынган окуялар окумдуу сүрөттөлүп, окурмандардын назарына сунушталууда.
Жеңишбек Эдигеев Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында 1971-жылы жарык дүйнөгө келген. Кыргызстандын заманбап эркин журналисти, котормочу, публицист. Пост-советтик Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги үчүн күрөшкө салым кошкон. Жубайы менен биргеликте “Де Факто” эркин гезитин негиздеген. Автордун буга чейин (2015-жылы) “Сапарлаш” аттуу кыргызча-французча сүйлөшмө китеби жарык көргөн.