Проза

Ырысбай Абдыраимов, жазуучу: “Чек арадагы бүркүт”

Аңгеме

Эламандын боз ала чаптуу  чек ара бөлүгүнө башчы болуп, дайындалганына үч жылга аяк басты. Ага чейин  Москвадагы аскер академиясын артыкчылык диплому менен бүтүрүп, мөөнөтүнөн мурда улуу лейтенант наамын алган. Академиянын генерал – ректору  ага кызыл дипломду тапшырып жатып,  окуу жайда окутуучу болуп  кала берүүнү өтүнгөн. Эламан:”Өз өлкөмө кызмат өтөйүн!” – деп, киндик каны тамган Ата Мекенине баса берген. Эми минтип чек арадагы аскер бөлүгүн башкарат.

Бирок, тили буруу чектеш коңшулар жолду, же  жайытты талашып, чек арага улам тийишет. Жайлоодой созулуп, килемдей жашаң  аймакка көздөрү күйөт.  Алар  былтыр да бүлгүн салган: суу кампаны аткылап, суу түтүктөрдү бүлүндүргөн. Түрлөрү бул мертебе да шойком салчудай.

Көк-ала кийимчен Эламан дүрбүдөн  чек аранын ары жагында коңшу аскерлердин  карааны утуру калыңдашканын  көрдү. Алардын ою бузуктугуна көзү жетти. Ал чек ара бөлүгүнөн жогору  кыштактагы  жетекчилерге телефон чалды:

– Элди батыраак  тынч жайга көчүрөлү. Не бар, не жок. Аскер комиссариаты, ГЭС, РЭС, оорукана сакчылары  коргонууга даярдансын – деди.

Колуктусу эгиз козудай эки уулу менен айылдагы батирде  калган. Ага да кол телефону аркылуу:

– Батир ээсинин машинасы менен сен да район борборуна жөнө! Андан ары атамкына жетип алаарсың – деди жылмайып.

– А сенчи?.. Сенсиз кантип жылам? Менин жаным сеникинен таттуу эмес…Түбөлүк  өмүрлөш түгөйлөр кошту чогуу тартат, – деди  абал опурталдуу экенин  сезген селкиси.

Эламан жубайынын жообуна эреркеди. Тула бою толкуй сүйүндү да, өмүрлөшүн жоошутту:

-Билем жаным!.. Айдайымсың да, менин. Башка түшсө, эр жигит элди баштап, туу башы болот. Оор күндө кыз-келин, ата-энеге жүк артууну каалабайм… Азыр тиги тараптан  “бороон-чапкын” сокчудай… Менин ордум – чек арада калкан болуу… Аскер окуусуна өткөнүмдө мамлекеттин туусун өөп:  “ Мекенимди сактаймын! Керек десе, башым тартуу…” – деп, жигиттер ант ичкенбиз. Эр-жигиттерге  ал ант –  Ата-Журтумдай ыйык!Илгертен бери эле биздин эл кылыч менен чаап, мойнуна сыйыртмак салып, дарга асса да, жоодон качкан эмес. Тизе бүкпөй, жан соога сурабаган!

-Ал доор башка… Мен сенсиз жарым карыш жылбаймын,жаным! Азыр жаныңа учуп, жетип барамын. Жок дегенде ок, суу ташыганга жараймын!

– Жаныңды менден аябасыңды билем, ошон үчүн сүйөм! Аскер адамынын жарысың да. Бирок… Чек арада жүргөнүңдү көргөн душмандардын табаасы канат. “Жерин коргоор эркеги түгөнүп, аялдарга күн түшүптүр”- деп,табалашат

– Жок! Сени жалгыз таштап,эч жакка барбаймын.

– Койчу эми… Кыйнабачы!… Мен жалгыз эмесмин. Айланамда  ташты талкан кылаар бала барчындар  зыңкыйып турат. Тил алчы, жаным! – деп, түгөйүнө жалбарды Эламан.”Ок атышта..” деп айткысы келбей: – “Бороон-чапкында”  адамды күтүлбөгөн кокустук  коштой жүрөт.. Ошон үчүн биздин  тирешке кийлигишпей, коогадан оолак тур!.. Чыр-чатак басылганда силерди өзүм таап аламын.

-Бир аптадан бери үй бетин көрө элексиң.  Саясы  жок, оттун ичиндей  кайнак талаада жүрөсүң… Тамак-ашың, кийим-кечең  кантти?

—Ээ, аны койчу. Курсак ток, кайгы жок…- деди Эламан, кечээтен бери наар татпаганын  эске албай. Сүйгөн жарынын  бышактаганын сезди. Зымсыз телефонун өчүрөөрдө селкиси менен коштошту. — Кечир!.. Көп сүйлөгөнгө убакыт тартыш…

Бөлүгүндөгү  жоокерлерге:

-Боортоктоп жылып… Чек арадагы өз жайыңарга жеткиле!  Бир жерде чогуу турбагыла! Ар бириңердин араңар эки, үч жүз  метр болсун! Араңардан жоонун бирөөсүн да өткөрмөй жок, – деп буйрук узатты.

Жоокерлери биринен – бири жарышып, уясында чогуу чырлыйттаган балапандан бетер:

– Айтканыңыз орундалат, жолдош капитан! – дешип, бир кишидей  жапырт жооп  узатышты. Ошенткен жигиттер  чек ара мамыларын бойлой коргонуу үчүн өздөрү казган чуңкурларын көздөй чуркап жөнөштү.

Капитан жигиттерин узата кароо менен шуу үшкүрүп, ойго батты: ” Кайран боз уландар ай!  Он сегиз-он тогуз жашка эми толуп, согуш өнөрүнө көнүгө да элек… Кагылыш булардын тамырына балта чаппаса…  Арасында бир да төбөлдүн, же бөлөк кандуулардын  уулу жок. Андайлар болжолу, келишим акысы канча болсо, төлөп коюшуп, балдарын аскерден калтырышат!Альтернативалык кызмат жоюлуп, аскерге жашы жеткен уландардын баары жоокердик милдетин өтөгөнү жакшы эле…”

Ал бирде тура калып жүгүрүп, бирде жата калып жылып, жоокерлеринен мурда  коргонуу чегине жетти. Чуңкурга көмкөрөсүнөн түшүп, чек арадан жүз элүү – эки жүз метрдей ары жакта үйүлгөн кошуналарга тигилди. Кошуна аскерлер  үргүлжө тандалгансып, эңгезердей, жоон-жолпу, кырк-элүү жаштын ортосундагы түшүнүксүз сүйлөгөн кишилер болуп чыкты.  Колдорунда  автомат, пулемет, гранатометтор. Белдеринде окчонтой, гранаталар менен бычак. Башына кара чалма оронгон, бети-башын кап-кара сакал-мурут каптаган түрү суук адамдар. Алар колун бирде чек аранын баш, кээде этек жагына  шилтеген  генералдын буйругу боюнча зым тосмону бойлой,оң-солго  бөлүнүп, чуркап жөнөштү. Бир нечеси миномет  тургузуу менен алек. Дагы бирөөлөрү ага миналарды ташууда.  Замбиректи да сүйрөп келип, оозун Элемандын  аскер бөлүгү жакка каратышты. Тик учмалары  өйдө –төмөн кайкып учуп, кээде батберектей бир жерде айланууда. Чамада Элемандын чек ара бекеттери менен жоокерлердин кайда жашынганын чалгындап, өздөрү жакка кабарлап аткандай.

Капитан зымсыз телефону менен сураштырып, бөлөк айыл-кыштактарга да жоолор  утурлаганын укту. Жыйырма алты  жашар Эламандын көзү коңшулардын басып киреерине эми чындап жетти. Жоокерлерине:

-Жигиттер! Бөөдө ок чыгарбагыла!  Тосмодон ары  тараптагылар биз жакка чабуул жасачудай… Кол салса, туруштук беребиз, – деди рациясы аркылуу.

Көз ирмемден кийин боз уландардын мүлдөсүнөн жооп алды:

– Мен даярмын.

– Мен окоптомун.

– Басып киргидей быякта алардын мекени жок…

Жоокерлердин бири шыпшына:

– Ка-ап…Бир аптадан кийин аскердик мөөнөтүм бүтүп, үйгө кайтат элем.Тигилер койдой жайпап келатат, токтотууга күчүбүз жетеби? А балким, алар жөн эле машыгаттыр …

-“Койлордун” мойнун кайрып, “куйругун” кыркабыз. Келген жагына айдайбыз, – деди башка бир жигит.

– Туура. Узак дегенде бир-эки саат  кыр көрсөтөөр… Ага дейре  тынчтык орноор. Анан үйүңө аман-эсен жөнөйсүң,  – деди Эламан. – Мекенибиз бизге ишенет, себеби – жер биздики. Айыл-кыштактагы балдар да: ”Курал бериңиз. Биз да жаныңарда туралы. Силерди жалгыз калтырбайбыз”-дешип, утуру телефон чалып атышат. Ооганстанда кызмат өтөгөн байкелерибиз, милиция да жардамга жакындады…

Ал чек аранын ары жагына кайра көз таштады. Жоо  көздү ачып-жумгуча ортодогу зым тосмолорду кыйратып, чек араны аттады.  

Эламандан элүү метр ары турган прапорщик телефондон:

-Жолдош капитан! Тээтиги  узун бойлуу, кара көйнөкчөн кишини, карасаңыз…- деди аңгыча.

Капитан дүрбүсүнөн бою шырыктай узун, жылаңбаш  неменин душмандарды тосуп алып, ар бири менен кучакташып, учурашканын көрдү. Өңү чала-була тааныштай. Төшүн жүн баскан ошол киши баскынчыларды ээрчитип келип, сөөрүгө отургузду. Бир ыптадагы казандын капкагын ачып, жайма табактарга палоо салып, жоонун алдына  тартты.

-Бул эмне  берешендиги, ыя? – Эламан кара көйнөкчөндүн ким экенин эстөөгө тырышты.Орун басарынан тигинин аты-жөнүн сурады.

-Ал биздин заставанын көчөсүндө жашайт. Аты –  Шураб. Он жыл илгери  Кулябдан көчүп келип, бизде отурукташкан. Жердештерине тез-тез каттайт – деди телефондогу  прапорщик. – Тигине… Эми баскынчылардын алдына түшүп алып, аларга:  “Жүргүлө.Менин артымдан ээрчигиле” дегендей  кол булгалап атат… Эми застава жакты, ГЭС  менен мекеме- ишканаларды көрсөтүп, чуркап баратат.

Эламан прапорщикке:

-Телефонуңдун видео камерасына анын баскан-турганынан өйдө тасмага тартып ал.Тополоң басылганда колго түшүрүп, сотко өткөрөлү! “Сууңду ичейин да, кудугуңду булгайын!” -деген чыккынчы тура… Бөрү баласы ит болбос. Канча баксаң да, токой жакка кылчактайт.” Арабыздан душманга  койнун ачкан адамдын чыкканын кара…

Прапорщик сөгүндү да, чыккынчыны кантип колго түшүрүүнүн жол-жобосун ойлонду.

– Ээ… Бул жерде сизден мурда кызмат кылганым үчүн…Чек арада далай ишти баштан өткөрдүм! Башыбызга калайман иш түшсө, контрабандист Шурабдайлар жонубузга бычак сайып, туугандарына өтө качат. Шурабдын  кандаштарына азык-түлүк менен бензинди ууру жол аркылуу өткөргөнүн канча ирет көргөм. Ал кармалган сайын тамыр-таанышынын күчү менен бошоп жүрөт…

Аңгыча жоонун тик учмалары чек арадан учуп өтүп, тоо-таштарга бомбаларын таштады. Бомбалар жарылган сайын чаң асманга көтөрүлүп, айлана будуң-чаңга айланды.  Эламан бир караса,  жоонун вертолету ГЭС менен РЭСтин төбөсүн  айланып учуп жүрөт. Эсине: “Ата-Журттун бир чымчым топурагын,  тик учактай  алтынга алмашпаймын”- деген сөз кылт этти. Жоонун тик учмасы таштаган бомба сууга түшкөндө, гранатометту ала койду да, вертолетту мээледи. Ал аткан  снаряд тик учманын капталына дал тийип, тик учма чарт жарылгандай болду. Тик учма артынан чоктой кызыл жалын булаткан  бойдон  чек арадан  учуп өттү да,бакадай жалп этип, өз жерине  кулап түштү.

Душмандын минометторунан  “дүңк, дүңк” эте атылган миналар бүркүлүүдө. Асманда ышкырып учкан миналар айыл-кыштактагы  үй, короо-сарайларга тийип, жарылып атат. Турак-жайларды кызыл жалын өрт  каптады. Эламандын артында  эки чакырымдай ары турган имараттар да жалбырттап, кара түтүн асманга чубалды. Мектеп, балдар бакчалар  да алоолонду. Кыштак калкы убай-чубай, машинасы барлары унаа жол менен, жөөлөрү адыр-тоо, талаа аралап, качып жөнөдү. Аларды  Эламандын жоокерлери  калкалап турушту.

Күтүүсүздөн душмандын  танктары күркүрөп, кара таандай жылып келе жатты. Танктар зуулдаган бойдон чек арадан ашып өттү да, айылды көздөй атырылды. Демек, темир жоо кыштактагыларга кол салмакчы. Эламан аскер бөлүгүнө караштуу танкисттин  чөнтөк телефон номерин терди да,ашыга:

-Анаркулов!.. Төрт- беш танк кыштакка жүткүнүп  баратат. Эл аман-эсен тынч жайга жеткиче…Танктардын алдын тез торогула!

Ал буйругандай бөлүктүн танкы күрүлдөгөн бойдон жоонун танктарынын жолун тосуп чыкты да, аларга жетпей, удаа-удаа ок чыгарды. Анын снаряддары биринин артынан бири дал тийгендиктен душмандын үч танкы келе жаткан ордунда тык токтоду. Төбөлөрүнөн кызыл жалын көккө бүркүлдү.

Эламан аны байкап: ”Азаматсың, Анаркулов!”- деп, кубанычы койнуна батпай сүйүндү.  Бирок, капыстан күү этип, учуп келген мина жарылганда анын сыныгы боз талаалап качып бараткан адамдарга чачырады.

Жоолор  эми жапырт Эламандын аскер бөлүгү жашынган жайларга жулунду. Ал рация аркылуу жоокерлерине:

-Бүркүттөрүм, барчындарым! Артка бир сөөм да жол жок. Биз кол салбайбыз, коргонобуз! Бизге асылган душманды  кууп чыгабыз. Бирок, чек арадан ары өтпөйбүз. Ал тарап –  башка мамлекет… Ар бириң өзүңдү, жаныңдагы жолдошуңду коргой бил! Тапшырма түшүнүктүүбү, барчындарым?

-Жарайт, жолдош Бүркүт!

-Макул…

-Ооба…

Эламан  айланасына көз  чаптырды. Бир жоокери автоматы менен үч-төрт жоону кууп жүрөт. “Ой бали, кырааным!”-деди ичинде.Зымсыз телефонунан : “Радар бир… Радар бир… Биздин заставаны көздөй танк баратат…Казарманы атып атат, жатаканабыз күйө баштады. Ок-дары ташыган жоокерди машинасы менен жардырышты. Мен танктын артынан жөнөймүн”, – деген жоокердин үнү угулду.

Капитан ал жоокеринин жооп күтпөй эле окоптон илбирстей ыргып  чыгып, жүгүрүп баратып, танктын артынан  утуру граната ыргытканын көзү чалды. Эламан анын эрдигине жетине албай, ичинен:” Бали, баатырым! Жоону  ийнине киргизе сок” – деп, алкады. Аңгыча душмандын танкынан өрт тутанды.

Телефонуна кайра добуш келди. Тыңшаса, танк айдаган Анаркуловдун үнү. Ал: “Байке, Бүркүт байке! Өлсөм да артка кайтпаймын. Душмандын жолун тосуп, курчоодогу  жоокерлерди куткардым. Баскынчылардын ташын талкан кылабыз!”,- деди да жоонун танкын мээледи.

Дагы бир жерден баскынчылардын башка бир танкы  чыга калды. Ал  аткан снаряд  Анаркуловдун  танкына учуп келип тийди. Эми заставанын танкынан өрт чурады. Танктан үч жоокер түшө качты. Алардын бирөөсүнө  ок жаңылдыбы, ал танктан чыгып, буту жерге түшө электе чалгы тийген чөптөй кулады. Жоокер өрт чалган  кийим-кечеги менен жерде ооналактап аткан.  Ага жетип келген жоолор аны кармап алып, өз жагына сүйрөп жөнөштү. Эламандын танкка далдаланган эки жоокери капталдан чыга беришти да,  шеригин туткундаган төрт жоону атып салышты. Жарадар жигитти ичкери көтөрүп жөнөштү. Бирок, танк күйүүдө. Капитандын боору танктан чыкпай калган боз уландарга ооруду:

– Танкта…  Санжар менен дагы бир бала бар эмес беле? Кап… Алар аман болду бекен?  Танкты таштай качууга үлгүрбөй калдыбы?, – деп санааркады. Танкист жана  аны октоочу жоокер  танк  менен кошо тирүүлөй өрттөнгөнүн болжоду  да: “Оо, бир боорлорум, оо досторум!”- деп, көзүнө жаш алды. “Уядан жаңы учкан барчындарым!…Эне сүтү оозунан кете элек боз уландарды чек арага  койгуча… Ар бир дубан, борбордо жашы  кырк, элүүгө жете элек, октон да, чоктон да кайра тартпас спецназдар бар эле… Ошолорду алдыңкы сапка…Алардан элүү-жүз саржандан кийинки  тилкеге  “ооганчыларды”, андан соңку линияга келишим аркылуу кызматташкандарды, анан милицияны… Асмандан түшүп келатып, жоого чагылгандай тийчү десантчыларды койгондо… Душмандар аларды жарып өтө албай, түгөл жайрамак… Мобереки…Эне сүтү таңдайынан кетелек бала бүркүттөр  буктурмада турса,  тирүү калышмак…Үй-бүлө күтсө, нечен балдардын атасы болушуп, элибиздин саны көбөймөк..Ушундай бөөдө кырсыктан кыргыздар азая береби?” -деп, кыжалат болду.

Сол жакка бурулса, айылды аралаган  жоонун башка бир танкы артынан чаң бурулдатып, үйлөрдү  сүзүп, уратып баратат. Душмандын сузгучтуу тракторлору  да  турак-жайларды бир чекеден кыйратып жүрөт.

-Капита-ан… Мектеп жакка бурулуңуз – деп, кыйкырды прапорщик.

Эламан дүрбүсү менен орун басары айткан тарапка бурулганда, мектептин төбөсүнөн баягы узун бойлуу Шураб көзгө урунду. Ал жоонун ак-жашыл түстүү туусун ары-бери желбиретип, коңшулардын тилинде:  “Биз кыштакты ээледик. Айыл –бизге карады!Жер  биздики-и-и…”- деп кыйкырып, ордунда кудуңдап бийлеп, секирип жатат.

Прапорщик чыдап тура албады. Автоматы менен Шурабды бутага алды. Кирпик ирмемден кийин ок түз тийген  чыккынчы желеги менен кошо жерге сулады.

Жоолор  Эламанга караштуу жерди жойлогонго өттү. Капитандын чый-пыйы чыкты. Коргонгонуна карабай, душмандын огу  эми  бөлүгүндөгү жоокерлерди чарпууда. Бир караса, аскер доктуру жараат алган жоокердин бутун таңып бүттү да, үч бүктөлө колтуктап алып жөнөдү. Жоокер оорусуна  тиштене чыдап, илкий басты. Кан сызылган бут оорусун  күлкү  менен жеңип атат… Чөнтөк телефону менен  туулган айылындагы досуна үн катканы Эламанга угулду:

-Эй, дос !… Мени тасмага  тартпа, ээ? Апамдын “билим ал” деген тилин албай, университетке барбай, аскерге келгем. Чек ара кайтарганымды  айтпагам. Ата-апама чолоктугуму  көрсөтпө! Апам жараатымды  укса, куштай учуп келет. Же жолумду карап, үйгө кирбей, жүрөкзаада болот.

Аңгыча дагы бир жоокерди ок жалмады. Эламан:

-Тез алып чыгып кеткиле! Аны да ооруканага жеткиргиле, – деп буйрук берди.

Мындан ары чыдоого мүмкүн эмес эле. Алеки заматта нечен жоокеринен айрылды. Денеси өрт менен жалын. Ысык сууга чайынгандай тердеп, бышып чыкты. Танкада өрттөнгөн жоокерлери менен ок тийген жолдошторун ойлоп, каңырыгы түтөдү. Рациясы менен боору бүтүн жоокерлерине буйрук  берди:

– Артка чегингиле!… Бириң калбай, окоптон тез чыгып кет! Досторум, бир боорлорум, суранам силерден!.. Батыраак жөнөгүлө…

– Сизчи, жолдош капитан?! Сизди таштап кетпейбиз! – дешти жоокерлери.

– Прапорщик!…

-Угуп жатам, жолдош капитан!

-Мени карабай, жигиттерди баштап, ээрчитип кет!  Баарың душманга көрүнбөй, артка чегин! Убакыт жок. Болгула!… Тигине, жоо жакындап келатат. Мен силерди калкалап турам! Мекенибиз үчүн тик турган кызматыңарга ыракмат! Жолукканча…– деди да, алдыңкы чектен кыйла узаган жоокерлеринин аман-эсен кутулуусун самады. Прапорщик ээрчиткен жоокерлери булуң-буйткага далдаланып  жүрүп, коогасыз жайга түгөл  жетишти. Мына ошондо гана аларга кылчактаган Эламандын жаны жай алды.

Күтүүсүздөн зымсыз телефону чырылдады. Аны кулагына тийгизсе, ооруканага жөнөтүлгөн жарадар жигит:

-Жолдош Бүркүт! Жерибизди алдырган жокпузбу?… Жоолор ичкери кире албагандыр… Чек арадан ары сүрдүк, ээ?- деп атат.

-Такыр кабатыр болбо! Жоолордун терисин тескери сыйрып, айдап чыгабыз. Ата журтубузда   душманга орун жок. Жерибизди бастырбайбыз. Бизди ойлобой, өзүң аман-эсен айык. Макулбу, баатыр?!

– Жарайт, жолдош капитан! Сакаярым менен жаныңызга  жетип барам.

Бул убакта кара кийимчен, түрү суук адамдар Эламанды көздөй  бет алышты. Ал баскынчыларды сестентүү  үчүн  асманга ок чыгарды. Душман улам жакындоодо. Көп узабай огу  да түгөндү. Белинде жалгыз граната. Артына бир кылчайды да, заставасынын башында желбиреп турган кызыл Тууну көрүп, көңүлү толду. Эсине дүйнөлүк  экинчи согушта Москвага жулунган  танктарга боюн таштап, душманды токтоткон Дүйшөнкулдай  “панфиловчулар”, денеси менен немистердин дзотун өчүргөн Чолпонбай түштү. Алардын  баатырдыгына: “Кантип эле ошол азаматтардан кем болоюн!”-деп шерденди да, жоону  торой  илгериледи.

Капитан менен душмандын  арасы улам кыскарууда…

Жоолорго он аттам калганда ал колун ичкери  жаңсап:

-Жакын келгиле… Ии, бери баскыла.. Кана, бачымыраак кыймылдагыла! Былтыртан бери… Кырчындай гана… жүздөй баланын башын жуттуңар!..  Алардын ата-энесине эмне деп, жооп жазам, ыя? Эмне деп айтамын?.. Коңшулар имиш…. Силер мага коңшу эмес,  баскынчысыңар!Денемди жара тилсеңер да…Тирүүлөй колго түшпөймүн … Мени аттап өтүш колуңардан келбейт…  – деди ызырынып.

Жоолор арык чырай капитанды тирүүлөй кармап алууну көздөшкөн  эле.  Баскынчылар көз ачып жумганча Элеманды шакектей тегеректеп, курчоого алышты.

Капитан дал ошондо так түйүлүп, бүркүттөй болуп, асманга секирди. (Аскер академиясында  шырыктай узун таяк таянып, жети-сегиз метр бийиктикке секирип  көнгөн эле. Каратисттик жайы да бар болчу.) Бийиктен жерге түшүп келатып, буттарын тегерете айланта тээп, үчөө-төртөөнү көмөлөттү. Жыгылбай калган жоолор ага жапырт жулунду.  

Эламан колундагы бычагын шилтеп, кыйла  айбат кылып турду. Жоолор менен жүзмө-жүз беттешкенде  гана граната  кармаган экинчи манжасын ачып ийип, өзү жерге жата калды. Граната катуу жарылды. Аны баса калууну көздөгөн жоолор да Эламан менен кошо күм-жам болушту.

Бу кезде чек арага кошумча аскерлер  жете келишти да, жоону чек арадан кууп чыгарды. Алар курман болуп, кызыл жаян канга боёлгон капитандын айланасында башына кара, көк селде чалынган жийиркеничтүү, он чакты жоонун ар башка жерде тырайып, жайрап жаткандыгын көрүштү.

About the author

Жазуучулар Союзу