Поэзия

Турабай Жороев: Адам го адам… суктануу бийлеп-суу токтоп, Агымы катуу дайраны сенсиң караткан!

Бир күндүн ыры

Тиричилик… ыпыратып, эзсе да,

Тууганым сен, баш көтөр да тик баккын.

Бир өмүрдө бир аялга тик турчу –

Болсо дагы калмак сүйгөн Кыз Мактым!…

 

Бул айтканым – балаң турат бой жеткен,

Бул айтканым – кызың турат өң-түстүү.

Бешенеңден, долу жарга туш келиш –

Бул тагдырдык мыйзам делет эң күчтүү.

 

Өмүр-жашоо такыр кыска дегим бар,

Өлгөнгөче ченеми жок-ал тузак.

Бешиктеги алдей, мээрим төгүүлөр –

Жомок болуп калганда не эң узак?..

 

Ушул бүгүн, ушул саптар чүргөлүп,

Уюп-бышкан кымыз күчү келгендей.

Эртең созор казалдарга камылга –

Эл деп төгүп бүталбоочу термемдей.

 

Мекен бирөө

Адамзат ааламына кошкон бизди

Адалдык дыйканындай Атам бирөө.

Аруу сөз, маңдай терден үзүр күтөр –

Актыкка ыйман болор батаң бирөө.

 

Энеңдин ак сүтүндөй баасы жок,

Эч нерсеге алмашкыс Мекен бирөө!

Эл иши – бакыт табар тунук башат,

Эмгексиз бир бүдүр дан жеген күнөө.

 

Эки дүйнө жашоосун ыроологон,

Эсте тут, бу… Жараткан – эгең бирөө.

Чындыгың чычаладай күйүп турса,

Чочуркап, аны “жалган…” деген күнөө.

 

Улутум – сыймык-күчүм, таянарым,

Уккула – Атам бирөө, Мекен бирөө.

Миң сыноодон өткөрөр милдет турса –

Мээнетсиз элдин акын жеген күнөө!

 

От калпак

Миң эстүүмүн десең да,

Мээң канча салмакта?

Экендигин кыргыз журт –

Элеп коёт калпакта!

 

Бырыш-тырыш сүрүлгөн,

Бул бей-оопа калпагы.

Билинбестен ылдыйлар

Бир кез оор салмагы.

 

Күнү-түнү кийилген,

Кир-когу нак билинген.

Калпак ээси – сөз чыны

Күнкор пенде жүгүнгөн.

 

Аруу, таза, нур, пөпөк

Асем, сайма, түр-көчөт.

Ак калпакчан нак мырза

Ай-сулууну сүрдөтөт.

 

Ошол калпак – нак калпак,

Ошол – дөөлөт, нарк, салмак.

Ооматы мол мырзалар

От калпагың жүр баалап!

 

Эки кайрык

Көркү менен көлөмү алдап турган

Көп нерсеге, көп ирет жакын болдук.

Адыраңдап артынан жүрдүк ээрчип –

Артабы деп ал турсун тыйын жолдук.

 

Бирок баары такалып өз дилиңе,

Бүркүт болуп турсаң да көктү челген:

“Балп…” – деп жерге түшөрүң турган чындык

“Бупп…” –эттирип түз атса мезгил мерген.

 

******

… Сөз-өнөрдүн болот жипсиз илмеги,

Сөз-өнөрдүн болот көркөм жылтыры.

Алар сага туюлса да дил деми –

Атып салат доошу чыкпас мылтыгы.

 

Айтар нуска шул саптарга катылган

Ананайын, аңкоо болбо делдектеп.

Асманга сен аруу учуп чыгарда

Ак жериңден атып түшөр… “желдет” көп.

 

******

Отуз жылдай мурдагы абалыма

Оюн салган өмүр-жаш баралыма.

Келип турат, негедир келип турат

Көз талыта карагым, карагым-аа.

 

Ыйман-адеп андагы талаптуудай

Ыйбаа кылган курагым сүйкүм болуп.

Аңды-дөңдү карабай кепти сого,

Азыр мына отурмун өпкөм толуп.

 

Кербезденүү ал кезде аз болуптур:

Колго тийген көйнөк-шым мода болуп.

“Сулуу.. Чүрөк…” – делгендер калып калып

Сылык-сыпаа, тынч кыздар ода болуп…

 

Эми болсо куйкум чач кыроолонуп,

Эл көчүндө нар сымак баратабыз.

Сыпаа кыздар карашса ыроолонуп,

Сезим черин сыр тутуп, таратабыз.

 

*******

Шатыра-шат күндөр күтүп алыста,

Шамалдай сен жер кезсең да үйүң бар.

Ошол үйдө ооматыңды качыргыс

Орун-очок, бүлөң менен сүйүүң бар.

 

Сыпаа-сылык сот токуган өкүмдөй

Сага баары туюлса да мыйзамдуу.

Баарысынан өткүр суроо салып тур –

Бул ааламдын түркүгүндөй ыйман бу.

 

-Сен шарактап күн кечирсең мейли, де

Соңку күнү – кош айтышып өлөрдө:

-Бул пендеге кошумча кош, жел таман

Бир туягы жок эле түк… дейби же?

 

Анда жарык жашоодогу сөөлөт не –

Азгын-тозгун күндөр бүтпөс седеби.

Ата-энелик: “Перзент” – делген сөөлөт не,

Айкындалып турса мыштай себеби.

 

Ата үмүтү, эне сүтү акталар –

Аруу жолду тандап жаша, медерим.

Анда сенин тагдырың тур, макталар –

Аруу болсоң – ийилбесиң эгерим.

 

******

Ырымчыл, шекчил катындан,

Ылайда жаткан бака артык.

Кытайга кеткен темирден,

Кыргызда калган така артык.

 

Сулууга

Келбетиң кезген аймактар мүлдө кыз бурак

Кудайым шундай жараткан болсо кимде айып?

Өткөрсө дагы тескөөдөн тыкыр топ курап,

Өзүңдөй мүчө күткөндөй чыкпас бир зайып.

 

Бой-өңгө кошуп зиректик менен акылды,

Буйруптур сага кең пейил, жоомарт Жараткан.

Адам го адам… суктануу бийлеп-суу токтоп

Агымы катуу дайраны сенсиң караткан!

 

Ак таңың аруу, сүйүүң балдай болсо экен,

Акындык туюм арамза жолго кыйбаган.

Ааламды сактап турушат сендей сулуулар,

Аталар даңктап, көчөттөр ырдап, сыйлаган.

 

Күтүнбөй – нетпей кум-куут калаа төрүнөн,

Кудайым мага койгондой бакыт ыроолоп.

Жолугуп сага таалайлуу туюп өзүмдү –

Жүрөгүм жап-жаш, чач турган менен кыроолоп.

 

Көрүндүң. Кеттиң. Алыспы-жакын, аман  жүр

Келбетиң кезген аймактын баары нур чачып.

Махабат аттуу максатка маяк-туткадай

Муундан-муун аздектеп жүрсүн ырдашып!

 

Табышуу

Бул өзү кокустук дегендей,

Дардисар ойлорго алдырба.

Бет маңдай олтурган ушул дем,

Башынан жазылган тагдырга.

 

Төрт мезгил куушуп жүргөндөй,

Төркүнүн сагынган жубардай.

Тагдырдын бүгүнкү белеги –

Түшүнсөң эң ыйык, тумардай!

 

Мен сени, мен сени шунчалык

Мажнундай жер кезип таппагам.

Бүгүнкү табышуу сыягы,

Бакыт-нур тулкуну каптаган.

 

Болду эми, солуктап ыйлаба,

Бапырак сөздөргө өтөлү.

Жол тосуп туруппуз кыйладан –

Жалпыга берели көчөнү.

 

Бак ичи. Суу бою. Сен мага

Баасы жок, табигат белеги:

Буркурак чачыңдан жыттайын

Башыңды бери ийчи, кел эми?

 

Башыңды бери ийчи, кел эми

Баарысы башынан башталсын.

Кексерээк жүрөктүн ыргагы,

Курч курак демиңе ашталсын.

 

Түйдөк

Ийиктеги түйдөктөй,

Бу Жер-Эне чимирик:

Ай нурунан аймалап,

Күн нурунан шимирип.

 

Улуу жерде – өмүр көп,

Узун сапар дөңгөлөк.

Бири тынбай алыстап,

Бири жеткен өңдөнөт.

 

Көңүл сүйгөн бал кымыз,

Канат чаңкооң заматта.

Жер зуулдап, Күн өбөт –

Жарык таңга барат да.

 

Жашоо жүргүн аркалап

Жол жүрөсүң, куугандай.

Жер зуулдап, Айды өөп –

Жан сергитип тургандай.

 

Алмак-салмак арыш жол,

Аруу болсун тарамың.

Ийиктеги түйдөктөй,

Ийги иштерге жарагын.

 

Өйдө-ылдый өрмө жол,

Өңдө-түштө ардактуу:

Жашоо жүгүн нак көтөр,

Жер Энедей салмактуу.

 

Шамал

Шамал да болуп кеткиң бар,

Шамалдай шаңың жок туруп.

Ал деген Аалам аруусу –

Айланып өтсө кулпуруп:

Жан дүйнөң, чөйрөң, бүткөнүн

Жап-жаңы сарпай кийгендей.

Абада аңкыйт сүт жыты,

Аба-Эне өзү ийгендей!

 

Тазаруу деген башка дем,

Талпынтып, алыс-алыска,

Туйлайсың, тынчып туралбай

Ток тийген өңдүү намыска:

Эл-журттун үмүт-күтүүсү

Эбегей эзип, толкутар,

Тунук ой: тилек жолунда –

Тоо шамалы кол кысар!

 

*******

Макул дейли, биз элге жагып калсак,

Жакпай калсак, кайгынын кереги не?

Эл деген – эл, биз болсо – сүйүшкөндөр

Ээрип түшкөн ушактын элегине.

 

Сүйүшкөндөр бактылуу боло келген

Сырдуу, аруу, махабат айдыңында.

Сени-мени Жараткан табыштырган

Сынып деги кетпеспиз, кайгы-муңга?!

 

Кайгы-зардан чочуба, ал сыноодой

Капилеттен жол тосор, алдың кара.

Күлкү-шаттык бир беткей болбогону,

Кадимдерден келаткан карттуу жара.

 

Аруу дилиң жолума төшөп сал да

Алыстагын азгырык, бөлөк ойдон.

Санаа чекпе, сен деген периштесиң –

Сулуу кылып энекең төрөп койгон!

 

Бир жылмайып койгонуң, мага кубат,

Бүлк-бүлк эте, илебиң уя салып.

Сага теңдеш сулуу жан барбы жана –

Сапар тагдыр жолумду туя калып:

 

Аптабыма чыдаган, мээлүүн желдей,

Аязымды көтөргөн, чилдем болуп.

Жан дүйнөмдүн ээси сенсиң билсең –

Жашоодогу жап-жалгыз – мүлдөм болуп!

 

******

Көңүл кушу делбектеп учар, конор

Кайнап турган сүйүүң пастап, сонор.

Жашоодогу жан-жыргал чокусундай,

Жетпей калган махабат ширин болор.

 

Жетпей калган махабат болор ширин,

Жашоо-тирлик мааниси туюлгандай.

Канткен менен өмүр-көч токтоо билбес,

Кошоктолуп тагдырың буюрганга.

 

Миң бир сыноо жолуңду тоскон кезде,

Миң бир азап алдыңдан жиреп келип.

Ээ болуп өзүңчө күчкө өзгө,

Эрдик жасап саларсың, жүрөктөнүп.

 

Жетпей калган махабат намыс болуп,

Жалын курак жаштыктай күчүң ташар.

Жигит пири Шаймерден калыс болуп,

Жеңилүүнүн ызасын Жеңиш басар.

 

Жетпей калган махабат аруу, ыйык

Жашооңдун жан бирге шамы сымак.

Өчпөй жанып турганын сезип, туюп,

Өмүр көчүн сүрөйсүң сүйүп, ынак.

 

Ыр кумар

“Жан берели сүйүүгө…”

О. Султанов

Мен муну билгендеби, жөлөнөрүм

Максаттуу күтүп сенин төрөлөрүң,

Магдырап, нак бейиште жүрмөкпүз эй,

Махабаттын татып жуп мөмөлөрүн.

 

Мен муну билгендеби кумар көзүм

Мындан оо, далай кечең жаралмакмын.

Сени издеп чаң салмакмын, даң салмакмын –

Сүйүүнүн шор талаасын шарылдап бир.

 

Мен муну туйгандабы, кайкы төшүм

Махабат ааламынан келериңди,

Өлүмдүн миң чалмасын жалгыз тытып –

Өзүңө деп коймокмун мен өмүрдү!

 

Мен муну сезгендеби, түн жарыгым

Миң жылдыз жарыгындай шоолаланбай.

Дым этпей, аздек тутуп тосор элем,

Дүрбөлөң салбай чыккан коогалаңдай.

 

Мен муну билгендеби, жалбарарым,

Маңдайдагы жазуудай. Тумар сезип,

Жан дүйнөмдүн асылы болор сенин,

Жолуң тосуп жүрмөкмүн, аалам кезип.

 

Мен муну билбей, көрдүм өмүр сыйын

Мактанычка, ызага талаштырба.

Улгайганда нур чачкан махабатым –

Уят кылба, мени ая, адаштырба?!

 

Кыялбастан көңүлдү көтөрөм деп,

Кулу болуп бул ирет кыял-ойдун:

Адабий усулдагы куулук ыктай –

Атайлап бул түрмөктү чүргөп койдум.

 

Ашыктык кат

Аруулуктун ааламы тоолордо – Биз!

Адам курттай кайнаган борбордо – Сиз!

Апыртмалуу жомокту жактырбаган,

Амал-күчтү жешилткен көңүлдө – Күз!

 

Аруу тоодо тазалык уя күтөт:

Ак мамагым, ушуга табит кандай?

Амалы күч борбордун айлампасы

Аймап-жуктар адаттай, шылып алмай.

 

Тору кашка минип биз тоо десеңиз,

Той-үлпөттө жүрмөкпүз конок болуп.

Көөнө калкым мындайда каалоо сунса –

Көк сулуудай. Өтөдөй жомок болуп.

 

Алла алардын сүйүүсүн улап бизге,

Алты-жети болпойгон бала берсе,

Азыр борбор “Ах-х…” деген Сиздей айым –

Айыл жагып, тоо жагып кала берсе!?

 

Арман калбас, бул жалган өмүр күндөн

Аруу жашап ар ирмем, күнүн-айын.

Интернетке солодум ушул катты –

Ишке ашчудай жооп жаз, кагылайын?!

 

Кожоюндук

Кыл мурутка кышкы кечте муз тоңуп,

Кайра-кайра кумтуланып тонуңду.

Көмүр түгөп, камдап койгон кык түгөп –

Келин-бала тосот келер жолуңду.

 

Топтоштурган тыйын-тыпыр араң чак,

Төрт-беш пуддай таш көмүрдүн кунуна.

Кожоюнсуң, үй тиреги дешкен соң,

Көп күн көңүл жайланбастыр мунуңа.

 

Анан эске түшкөн сыра сапырган,

Акактатар жай-саратан саматып,

Бир жаз күнү – жылдык азык берерин

Баамдайсың, ыкшоо дилди канатып.

 

Кетсечи шул, каарыган кыш-капсалаң,

Келеркиде камдуу болом дегендей.

Көзүң күлүп, оң түшкөндөй апсалаң,

Кило-пуддап таш тартасың кебелбей.

 

Макул бул кеч келин, балдар божурап,

Мемирешип, башың тийсин булутка.

Мурдуңду түк балта кескис кыргызбай,

Муз-аяздын муюбасын унутпа?

 

Жоопкерсиң! Кожоюнсуң… кур жатпай,

Жаздын күнү кыш кызматын кылып кой.

Эдил дайра жээгиндеги бурлактай,

Эзилишти, көмүр тартып жыйып кой?

 

Көмүр түгөп, камдап койгон кык түгөп,

Кожоюндук… жолго дилди бурушат.

Келин-балдар: “Көмүр түшөт бүгүн…” – деп

Кышкы кечтин ырын ырдап турушат.

 

******

Күйгөн…

Көкөйдүн көк ташындай,

ачуунун как башындай,

сен азыр,

өзүңө кел –

бет ачып, түк жашынбай?

 

Болчууну болот дейли,

коктуну –

колот дейли,

өңдүүнү өңдүү атап

оңчууну –

оңот дейли.

 

Сен билген ырың ырда,

болгону

чыгар менден.

Суктан же,

өлө сында –

ак бата – кутман элден.

 

Арманды туйбайм,

түшүн:

жайында – акыл-түшүм.

Сен үчүн –

Боолуу чалкан,

ыр-десте журтум үчүн!

 

*****

Баягы терезе, баягы

Балкондо гүлдөрдүн табагы.

Буулуккан көз жаштай сызылып –

Болкулдайт бул жүрөк аялуу.

 

Баягы терезе, баягы

Байчечек чыккандай, ак-жашыл.

Байкатпай – жаштыкка баралы,

Бакыттай, бир келген накта шул.

 

Баягы терезе, баягы

Бир өмүр – сырлардын сейфиндей.

Тушалып калгандай аягым –

Бүгүнкү тынчы жок кейпимде.

 

Баягы терезе, баягы

Жаштыктай, туп-тунук булактай.

Көгөрүп турамын, көгөрүп

Көз жашты жүздөгү кулатпай.

 

Баягы терезе, баягы…

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу