Котормо

ТОЛУКБЕК БАЙЗАК, акын:

(Котормолор түп нускасы менен)

А. С. ПУШКИН ( ОРУСИЯ )

МЕН ӨЗҮМӨ ЫРДАН АЙКЕЛ ТУРГУЗДУМ

Мен өзүмө ырдан айкел тургуздум,

ага барчу жолду калбайт чөп басып.

Александр устунуна баш бербей,

көтөрүлөт багынбастан көктү ашып.

 

Жок, мен өлбөйм – жан лирага арналган,

күлүм көктөйт, чириндимде гүл өнүп.

Ай астында жалгыз акын барында,

атак даңкым арта берет түбөлүк.

 

Орус жерин өрдөп өтүп даңазам,

бардык тилдер кеп кылышат андагы.

Урпактары славян, финдердин,

жапан тунгус, талаа досу калмагы.

 

Калкка болгон сыйым чексиз карманган,

ырым менен сезимдерди ойготуп.

Каар заманда азаттыкты жар салгам,

мээрим менен жыгылганды колдотуп.

 

Уккун муза, жараткандын буйругун,

коркпо ызадан, таажы талап кылбагын.

Кайдыгер бол мактоо менен ушакка,

акмактарга көңүлүңдү бурбагын.

 

1836 ж.

 

 

 

 

 

 

 

Я памятник себе воздвиг нерукотворный

 

Я памятник себе воздвиг нерукотворный,
К нему не зарастет народная тропа,
Вознесся выше он главою непокорной
Александрийского столпа.

Нет, весь я не умру — душа в заветной лире
Мой прах переживет и тленья убежит —
И славен буду я, доколь в подлунном мире
Жив будет хоть один пиит.

Слух обо мне пройдет по всей Руси великой,
И назовет меня всяк сущий в ней язык,
И гордый внук славян, и финн, и ныне дикой
Тунгус, и друг степей калмык.

И долго буду тем любезен я народу,
Что чувства добрые я лирой пробуждал,
Что в мой жестокий век восславил я Свободу
И милость к падшим призывал.

Веленью божию, о муза, будь послушна,
Обиды не страшась, не требуя венца,
Хвалу и клевету приемли равнодушно
И не оспаривай глупца.

1836 г.

 

 

 

 

 

 

 

МИХАИЛ  ЛЕРМОНТОВ  ( ОРУСИЯ )

 

Кызыгы жок, кимге колду сунасың,

жан дүйнөңдө турганыңда чайналып.

Арзуулардан эмне каалап турасың,

сонун жылдар өтүп жатса айланып.

 

Кимди сүйсөм?.. убактылуу табылат,

мумкун эмес сүйүүгө да түбөлүк.

Бир өзүңө үңүлсөң да жаңылап,

шаттык, азап, барат баары түгөнүп.

 

Кумар эмне? – эртеби кеч ширеси,

кайып болот аң сезимге жараша.

А жашоону караганда бир өзү,

бир бош гана акыл алгыс тамаша…

 

1840 ж.

 

 

 

И скучно, и грустно, и некому руку подать
В минуту душевной невзгоды…
Желанья!.. Что пользы напрасно и вечно желать?..
А годы проходят — все лучшие годы!

Любить… Но кого же?.. На время — не стоит труда,
А вечно любить невозможно.
В себя ли заглянешь? — там прошлого нет и следа:
И радость, и муки, и всё там ничтожно…

Что страсти? — ведь рано иль поздно их сладкий недуг
Исчезнет при слове рассудка;
И жизнь, как посмотришь с холодным вниманьем вокруг, –
Такая пустая и глупая шутка…

1840 г.

 

 

 

АНДРЕЙ  ДЕМЕНТЬЕВ  (ОРУСИЯ )

 

Мен эч кимге карызым жок эч кандай,
милдетим жок ант бергидей өлкөмө.
Жакырлыкка чейин бирге жашадым,
жаткан кезде үчтөн бири өрттөнө.

Карызым жок эч кимге да эч кандай,
тыңсынбасын мага ” жапжаш бөрүлөр”.
Алар бизден абдан жаштык кылса да,
талант жактан кыйла чабал көрүнөр.

Жаңы дүйнөң эскисиндей чириген,
тарпы чыккан ыр чырдын не кереги.
Мен эч кимге бересем жок, анткени
насыяга жашабапмын эзели.

 

***********************************

 

Я ничего и никому не должен.
Не должен клясться в верности стране
За то, что с ней до нищеты я дожил.
За то, что треть земли моей в огне.

Я ничего и никому не должен.
Мне «молодые волки» не указ.
Они, конечно, много нас моложе,
Но вовсе не талантливее нас.

И новый мир по-старому ничтожен
Среди своих раздоров и корыт.
Я ничего и никому не должен,
Поскольку никогда не жил в кредит.

 

 

 

 

ЕВГЕНИЙ  ЕВТУШЕНКО (ОРУСИЯ )

Аял – өзгөчө бир деңиз

Аял дайым деңиз сымал аз аздан.
Деңиз дагы аялга окшош кичине.
А толкундар бөлмөчөдө, катылган
арыкчырай көкүрөктүн ичине.

Бул толкундар сезимби же жышанбы.
Туңгуюктун түпкүрүндөй сыр кылат,
бир шумдуктуу чачтай болуп түрлөнүп,
чардак болуп дал төбөдөн кыйкырат.

Өткөн мезгил тактарынан кир баскан,
чапкын болуп тазаланат өзү эле,
тамырлардан тери алдынан жүгүргөн,
кайнап чыгат күр шар түшүп тез эле.

Түпкүрүндө эс тутумдун катылган,
урандылар кыйрап жатат – айла не,
а үмүттөр – кызыл тазыл балыктай,
кайырмакка түшүп турат кайра эле.

Аял деген деңиз окшоп чакырат,
анда эркектер кемелердей түр менен,
үстүрт гана жан дүйнөдө сүзүшөт,
тереңдигин анча деле билбеген.

Аял- деңиз, көк асманга сыйынган,
тыптынч болсо жөнөтсөмбү деп ушу…
Аял деген өзгөчө бир деңиздей,
ал деңизде мүмкүн баары чөгүшү.

Женщина всегда чуть-чуть, как море.

 

Женщина всегда чуть-чуть, как море.

Море в чем-то женщина чуть-чуть.
Ходят волны где-нибудь в каморке,
спрятанные в худенькую грудь.

Это волны чувств или предчувствий.
Будто бы над бездной роковой,
завитки причесочки причудной
чайками кричат над головой.

Женщина от пошлых пятен жирных
штормом очищается сама,
и под кожей в беззащитных жилках
закипают с грохотом шторма.

Там, на дне у памяти, сокрыты
столькие обломки – хоть кричи,
а надежды – радужные рыбы
снова попадают на крючки.

Женщина, как море, так взывает,
но мужчины, словно корабли,
только сверху душу задевают –
глубиной они пренебрегли.

Женщина, как море, небо молит,
если штиль, послать хоть что-нибудь.
Женщина – особенное море,
то, что в море может утонуть.

 

 

 

 

 

ЕВГЕНИЙ ЕВТУШЕНКО (ОРУСИЯ)

 

НАЗИКТИК.

Мүмкүн бекен ушундай,
дагы канча уланат?
Мунун өзү кайдан чыккан кыянат.
Кайда жана качан өттү модага:
“Тирүүлөргө – кайдыгерлик,
өлүлөргө көңүл бур ”
Бүкүрөйүп бара бара,
элдер ичип кетишет,
бирин бири кубалашып,
бу жарыктан өтүшөт.
Анан кийин мүрзөлөрдө,
тарых кебин калпышат,
аларга арнап ушунчалык,
жылуу сөздөр айтышат.
Кимдер алды Маяковский өмүрүн?
Кайдан түштү револьвер колуна?
Мына ошого, күркүрөгөн үнүнө,
келбетине, кайталангыс сүрүнө,
керек беле аз да болсо назиктик.
Тирүүлөрдү тирүүлүктө кыйнашат,
назиктик же көңүл менен,
өлгөндөн соң сыйлашат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

НЕЖНОСТЬ

Разве же можно,
чтоб все это длилось?
Это какая-то несправедливость…
Где и когда это сделалось модным: “Живым – равнодушье,
внимание – мертвым?”
Люди сутулятся,
выпивают.
Люди один за другим
выбывают,
и произносятся
для истории
нежные речи о них –
в крематории…
Что Маяковского жизни лишило?
Что револьвер ему в руки вложило?
Ему бы – при всем его голосе,                                                                  внешности – дать бы при жизни хоть чуточку нежности.
Люди живые – они утруждают.
Нежностью только за смерть награждают.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

СЕРГЕЙ ЕСЕНИН   (ОРУСИЯ)

Оройго берип кубаныч,
назикке берди кайгыны.
Керексиз мага эч нерсе,
баары бир мага бардыгы.

Өзүмдү бир аз аяймын,
аяймын үйсүз иттерди.
Түз эле аракканага
ушундай жашоо апкелди.

Шайтандар, неге кассыңар?
Уулумун мен да бу жердин.
Ар бириң соңку ыштаның,
аракка баалап жибердиң.

Айнекти карайм сүзүлүп,
жүрөктө аптап, кусалык.
Теңселет, күндөн суу болуп
алдымда көчө узанып.

Көчөдө бала чимкирик.
Аба да кургак, кууруган.
Бала да абдан бактылуу,
чукулайт богун мурдунан.

Чукуй бер, чуку каражан
батыргын баарын бармагың.
Бир гана шундай күч менен,
жаныңды чукуп салбагын.

Бөтөлкө турат тизилип
мен дагы даяр, барганга…
Тыгындар жыйнап жатамын,
жан дүйнөм бүтөп салганга.

1923

Грубым дается радость,
Нежным дается печаль.
Мне ничего не надо,
Мне никого не жаль.

Жаль мне себя немного,
Жалко бездомных собак,
Эта прямая дорога
Меня привела в кабак.

Что ж вы ругаетесь, дьяволы?
Иль я не сын страны?
Каждый из нас закладывал
За рюмку свои штаны.

Мутно гляжу на окна,
В сердце тоска и зной.
Катится, в солнце измокнув,
Улица передо мной.

На улице мальчик сопливый.
Воздух поджарен и сух.
Мальчик такой счастливый
И ковыряет в носу.

Ковыряй, ковыряй, мой милый,
Суй туда палец весь,
Только вот с эфтой силой
В душу свою не лезь.

Я уж готов… Я робкий…
Глянь на бутылок рать!
Я собираю пробки –
Душу мою затыкать.
1923

 

 

СЕРГЕЙ  ЕСЕНИН ( ОРУСИЯ )

 

Ар жандын кандай болору,

билинет баары жашындан.

Эгерде акын болбосом,

болмокмун шылуун ашынган.

 

Кичине арык болсом да,

балдардын баарын жеңчү элем.

Ар убак дайым мушташып,

канжалап үйгө келчү элем.

 

Жооткотуп койчум апамды,

чочулап байкуш жатса эле:

эчтеме болбойт, айыгат,

чалынып кеттим ташка эле.

 

Кайнаган ошол эх, күндөр,

акырын барып тыйылды.

Тынчы жок күүлү кайратым,

поэма болуп куюлду.

 

Алтындай сөздөр бүтпөгөн,

жазылат ар бир сабымда.

Чагылып турат кайра эле

ээнбаштык кылып канымда.

 

Дагы эле күчтүү, өткүрмүн,

кадамым жаңы тараган…

Тумшукка мурда урушса,

жан дүйнөм азыр канаган.

 

Апам жок азыр, айтамын

шылдыңкор топко башка эле:

Эчтеме болбойт, айыгат,

чалынып кеттим ташка эле.

 

1922

Все живое особой метой
Отмечается с ранних пор.
Если не был бы я поэтом,
То, наверно, был мошенник и вор.

Худощавый и низкорослый,
Средь мальчишек всегда герой,
Часто, часто с разбитым носом
Приходил я к себе домой.

И навстречу испуганной маме
Я цедил сквозь кровавый рот:
«Ничего! Я споткнулся о камень,
Это к завтраму все заживет».

И теперь вот, когда простыла
Этих дней кипятковая вязь,
Беспокойная, дерзкая сила
На поэмы мои пролилась.

Золотая, словесная груда,
И над каждой строкой без конца
Отражается прежняя удаль
Забияки и сорванца.

Как тогда, я отважный и гордый,
Только новью мой брызжет шаг…
Если раньше мне били в морду,
То теперь вся в крови душа.

И уже говорю я не маме,
А в чужой и хохочущий сброд:
«Ничего! Я споткнулся о камень,
Это к завтраму все заживет!»

 

СЕРГЕЙ  ЕСЕНИН ( ОРУСИЯ )

ӨКҮБӨЙМҮН, ЧАКЫРБАЙМЫН, ЫЙЛАБАЙМ…

Өкүнбөймүн, чакырбаймын, ыйлабайм,

Өтөт баары, түтүнүндөй алманын.

Алтын түстүү жалбырактай саргайып,

Жаштыгыма кайрылбасмын, арманым.

 

Мурдагыдай сокпой калдың сен эми,

Оо жүрөгүм, музга толгон жыл айлап.

Ал гана эмес кайыңдардын мекени,

Азгыра албайт ойногонго жыңайлак.

 

Тентимиш жан! Бара бара сен дагы,

Эринимден жалынымды өчүрдүң.

Кайран гана тазалыгым жоголгон,

Ойноок көзүм, ташкындары сезимдин.

 

Сараңдаштым каалоолорду жашырып,

Чиркин жашоом, түшкө кирип көктөмдөй.

Таң алдында тамашаны ашырып,

Жээрде түстүү күлүктү чаап өткөндөй.

 

Бул дүйнөдөн биз баарыбыз өтөбүз,

Жездей сары бариктердей төгүлгөн.

Кут даарысын сени дагы алардай,

Жазда жайнап, күздө кеткен өмүрдөн.

 

1922

 

 

 

 

 

 

Не жалею, не зову, не плачу…

Не жалею, не зову, не плачу,
Все пройдет, как с белых яблонь дым.
Увяданья золотом охваченный,
Я не буду больше молодым.

Ты теперь не так уж будешь биться,
Сердце, тронутое холодком,
И страна березового ситца
Не заманит шляться босиком.

Дух бродяжий! ты все реже, реже
Расшевеливаешь пламень уст
О моя утраченная свежесть,
Буйство глаз и половодье чувств.

Я теперь скупее стал в желаньях,
Жизнь моя? иль ты приснилась мне?
Словно я весенней гулкой ранью
Проскакал на розовом коне.

Все мы, все мы в этом мире тленны,
Тихо льется с кленов листьев медь…
Будь же ты вовек благословенно,
Что пришло процвесть и умереть.

1922 г.

 

 

 

 

 

 

 

 

ИОСИФ  БРОДСКИЙ  (АКШ)

 

Бөлмөңдөн чыкпагын…

Бөлмөдөн эч чыкпагын, катанын не кереги,
Күнгө деле чыга көрбө, Шипка чексең сен эми.
Каалга арты мааниси жок, кур бакытты жай кылдың.
Дааратыңды алгын дагы дароо артка кайрылгын.

Чыга көрбө эч бөлмөңдөн, моторду да чакырба,
Турган жериң далискана, эсептегич артында.
А капыстан кирип келсе оозун ачып сүйгөнүң,
Кубалай сал чечинтпестен, бекер жерден күйбөгүн.

Бөлмөңдөн эч чыга көрбө, суук тийди деп санагын,
Дубал менен отургучтан кызык барбы карагым.
Чыгып эмне ошол жактан, кайтар болсоң кечинде,
Ансыз деле азаптуусуң, мүшкүл салып сезимге.

Чыга көрбө бөлмөңдөн эч. Бийлеп, жыргап, буралмак.
Жыпжылаңач пальто кийип, туфли кийип жыңайлак.
Капуста анан лыжа майы, кире бериш сасыктай,
Көп тамганы жазып болдуң, кийинкиси ашыктай.

Чыкпа эми бу бөлмөңдөн. Бөлмөң билсин бу кандай,
көрүнөсүң бир белгисиз, жүрөктө сыр , адамдай.
Чыга көрбө бу бөлмөдөн! Булганыч көчө тарапка.
Франция эмес, туура түшүн, эчтеме жок а жакта.

Акмак болбо! Айырмалан, башкалардан барк көргүн.
Чыкпа үйдөн, бу бөлмөңдөн! Эмерекке эрк бергин,

туш кагазга жуурулушкун. Сактан, коргон, жугузбаң!
Хроностон же космостон, эрос, раса, вирустан!

 

 

 

 

 

 

Не выходи из комнаты, не совершай ошибку.
Зачем тебе Солнце, если ты куришь Шипку?
За дверью бессмысленно все, особенно – возглас счастья.
Только в уборную – и сразу же возвращайся.

О, не выходи из комнаты, не вызывай мотора.
Потому что пространство сделано из коридора
и кончается счетчиком. А если войдет живая
милка, пасть разевая, выгони не раздевая.

Не выходи из комнаты; считай, что тебя продуло.
Что интересней на свете стены и стула?
Зачем выходить оттуда, куда вернешься вечером
таким же, каким ты был, тем более – изувеченным?

О, не выходи из комнаты. Танцуй, поймав, боссанову
в пальто на голое тело, в туфлях на босу ногу.
В прихожей пахнет капустой и мазью лыжной.
Ты написал много букв; еще одна будет лишней.

Не выходи из комнаты. О, пускай только комната
догадывается, как ты выглядишь. И вообще инкогнито
эрго сум, как заметила форме в сердцах субстанция.
Не выходи из комнаты! На улице, чай, не Франция.

Не будь дураком! Будь тем, чем другие не были.
Не выходи из комнаты! То есть дай волю мебели,
слейся лицом с обоями. Запрись и забаррикадируйся
шкафом от хроноса, космоса, эроса, расы, вируса.

1970

 

 

 

 

 

 

 

РАСУЛ  ГАМЗАТОВ ( ДАГЕСТАН )

Чынгыз Айтматовго

Кудуреттүү сөз күчүнө жан салып,
кымызды эмес, куйчу каркыт шыңгысын.
Жашоо сонун, мен кайрадан таң калып,
салам айтам сага досум Чынгызым!

Майрамыңа учуп келдик алыстан,
жылдыз жанган сааттарыңа бат эле.
Бир кайгыны жашыра албайм азыр да,
болбогонго арабызда ата энең.

Сени өстүргөн энекеңдин алдында,
Ойлор басып таазим кылып жатамын.
Көлөкө эмес тирүүлөрдүн айлында,
Элеси бар, курман болгон атаңын.

Атакеңе өчпөс ысым тургузуп,
өзүң болдуң энекеңди сүйүнткөн.
Чыксаң дагы Фудзи тоого тырмышып,
сен эч кимди карабадың бийиктен.

Көбүктөнгөн колумдагы шарапты,
көтөрөмүн өзүң үчүн, тууганым.
Бир ыптасы Европалык атактуум,
бир ыптасы Азиялык бууданым.

Толкуса да канча толкун күндө күн,
бүт кайыктар өзгөртсө да кезегин.
Бирок бардык булуңуна дүйнөнүн,
кире берет ак кемең деп сеземин.

Жаман көрбө Гамзат уулу Расулду,
мен өзүңө суктанычтан оорудум.
Жамийла да айылынан авардын,
таккан кезде Гүлсарыга жоолугун.

Чабандесим, чапкын атың көжөлүп,
көккө жеткин, тоскоол билбей арымы.
Жарым каны Европалык көзөлүм,
Даңазалуум, Азиялык жарымы.

Бирдей биздин ышкы отубуз Мекенге,
сен ишиңден алп эстелик тургуздуң.
Көрүнсүн деп көз жетпеген чет элге,
көкөлөтүп чокуларын кыргыздын.

 

Чингиз  Айтматову

Даруй душа, устам всевластным слово,
Налей-ка, кравчий, в кубок не кумыс.
Прекрасна жизнь — в том убеждаюсь снова,
Приветствую тебя, мой друг Чингиз!

На праздник твой сквозь дымчатые дали
Слетелись мы, но в этот звёздный час
Я оттого не в силах скрыть печали.
Что нет твоих родителей меж нас.

И мысленно склоняю я колени
Пред матерью твоей. И не впервой
С ней заодно и не в обличье тени
Мне предстает отец погибший твой.

Сумел, Чингиз, порадовать ты маму
И не подвёл отца наверняка
Тем, что когда взошёл на Фудзияму,
Ни на кого не глянул свысока.

Шипучий дар играет в кубке, пенясь,
Пью за тебя до дна, названый брат,
Мой именитый полуевропеец,
Мой знаменитый полуазиат.

И как бы волны ни метались шало
И чёлны ни менялись в свой черёд,
Но в гавани всего земного шара
Входил и входит белый пароход.

Ты не суди Гамзатова Расула,
Завидует тебе он с той поры,
Как Джамиля аварского аула
Платком венчала шею Гульсары.

Скачи, наездник, на коня надеясь,
Касайся неба и не знай преград,
Мой именитый полуевропеец,
Мой знаменитый полуазиат.

К Отечеству в любви мы все едины,
И в том твоя заслуга велика,
Что сделались киргизские вершины
Во много раз видней издалека

 

 

ФРИДРИХ  НИЦШЕ ( ГЕРМАНИЯ )

 

Сен Колумбка ишенбегин, кымбатым.
Ал алысты, эң алысты караган.
Тууган өлкө ага дайым жат эле,
сага болгон сезим да жок аяган.

Канча алыста болсо дагы жат дүйнө,
жүрөгүмө жакын алдым бүтүндөй.
Көрүп  турам чоочун жээкти капыстан,
кайсы жактын жери экенин түшүнбөй.

Мен чыгамын эрдик менен ал жакка,
артка кайтуу аңкоо кылар адамды.
Толкун тосуп аскаларда, нимфалар
бакытты  эмес тартуулашат ажалды.

 

Не верь Колумбу, дорогая!
Смотрел он в даль и только в даль.
Ему чужда страна родная,
Ему тебя совсем не жаль.

Мне чуждый мир, чем отдаленней,
Тем ближе к сердцу моему…
Я вижу берег посторонний;
Какой земли, я не пойму?!

И я вхожу в неё с отвагой…
Безумье плыть домой – назад,
Волна у скал встречает собой,
А нимфы счастья, смерть сулят.

 

ИСИКАВА  ТАКУБОКУ ( ЖАПОНИЯ )

 

Тамашалап,
отургуздум апамды ийиниме.
Ушунчалык жеңил эле.
Көздүн жашы көздөрүмдө айланып,
үч кадам да баса албадым карманып.

 

Я в шутку
Мать на плечи посадил,
Но так была она легка,
Что я не мог без слез
И трех шагов пройти!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ШАНДОР ПЕТӨФИ  ( МАЖАРСТАН )

 

ПОЭЗИЯ

 

 

Касиеттүү поэзия, кандай гана кор болдуң,
мынча неге тебелешти баркыңды.
Сөз баалабас наадандарга кордолдуң,
ар убакта чыгарышкан тарпыңды.
Жасалмалуу аалым атка конгондор,
сыйлык, ургаал, атак даңкка тойгондор.
Поэзия – заңгыраган зал дешип,
байлыктуунун этегине эрмешип,
короздонгон коомду издеп көнгөндөр,
сылык сыпаа, мода үчүн өлгөндөр…
Машаяктар жаагыңарды жапкыла!
Бир чындык жок сөзүңөрдө сайраган.
Поэзия – салон да эмес, зал да эмес,
тандалмалуу жамаатыңар чардаган,
согон окшоп салаттагы даамдаган.
Поэзия –  ушундай бир үйгө окшош,
кенен, эркин кире билген бардыгы.
Сыйынганды, ойлоно алган, сезе алган,
жан аттууга такыр болбос тардыгы.
Бул ыйык үй дал ушундай керемет,
кабыл алган ким барса да кудайлап,
чарыкчан да же болбосо жыңайлак.

ПОЭЗИЯ

Как ты унижена, поэзия святая!
Растоптано достоинство твое
Глупцами, что, стремясь тебя возвысить,
Безмерно унижают каждый раз!
Такие самозванные жрецы
Повсюду проповедовать берутся,
Что будто бы поэзия — чертог,
Парадный зал, великолепный терем,
Куда входить позволено лишь тем,
Кто разодет по моде и любезен…
О, замолчите! Правды ни на грош
Нет в проповеди вашей, лжепророки!
Поэзия не зал и не салон,
Где избранное общество расселось,
Как лук порей в салатнице… О нет!
Поэзия — такое это зданье,
Куда войти свободно могут все,
Кто хочет думать, чувствовать, молиться…
Что знаете о храме вы таком?
Поймите: это храм, в который можно
Войти в лаптях и даже босиком!

Сатмар, 1847 г.

 

ШАНДОР  ПЕТӨФИ  (МАЖАРСТАН)

 

СҮЙҮҮ ЖАНА ЭРКИНДИК

Баарынан мага эң керек
Сүйүү жана эркиндик!

Сүйүү үчүн керек болсо
өлүмгө да барамын.
А сүйүүнү эркиндикке
курмандыкка чаламын.

ЛЮБОВЬ И СВОБОДА…

Любовь и свобода —
Вот все, что мне надо!

Любовь ценою смерти я
Добыть готов,
За вольность я пожертвую
Тобой, любовь!

Пешт, 1846 г.

ОЛЖАС СУЛЕЙМЕНОВ  ( КАЗАХСТАН )

Түнкү  салыштыруу

Балга окшошсуң,
эстесем – тиш ыйлаган,
тамашасың, каткырыктай кыйнаган,
маанисизмин, мени кимдер кейитти?
тозок көрдүм, көрсөм деймин бейишти.

Ах, эмнеге сени сүйөт башкалар,
сүйбө аларды, адам бекен анда алар…
Иттер сымал кабышышат, жүрүшөт,
аттарга окшоп кишенешет, күлүшөт.

Качан тилиң сындырганда тишиңди?
Качан көздөр күйгүзгөндө кабакты?
Айтчы мага кабак кашты бүркөбөй,
кантип анан караш керек адамды?

Бака сымал ыйлабастан түн бою,
сүйөм сени,
чардаганды сүйгөндөй,
жесирге окшоп күйгөндөй,
балыкка окшоп сүзгөндөй,
сүйөм сени, алсыз даңкты сүйгөндөй,
эшек сымал майсанды,
күн сүйгөндөй асманды.
Сен сараңсың, жашоо оңой сага да,
жада калса селсаяк да нан берди,
сүт бергендей балага.
Мен келесоо Хаям делип аталсам,
Мен наалаты Хафиз болсом ачылган,
Эч болбосо болсом эмне Махамбет!..
Бирок чиркин ырдын баары жазылган.
Дал ушинтип тоо, талаада сүйүшчү,
Сүйүп күйүп, каткырышып күлүшчү.
Башка кантип сүйсө болот күймөлбөй?..
Сүйөм сени, мен өзүңдү-сүйгөндөй…

Ночные сравнения

Ты как мёд,
как вспомню — зубы ноют,
ты как шутка, от которой воют,
я ничтожен, кто меня обидит?
Видел ад, теперь бы рай увидеть.

Ах, зачем тебя другие любят,
Не люби, да разве это люди…
Они ржут, собаки, до икоты,
Это же не люди, это — кони!

А когда язык ломает зубы?
А когда глаза сжигают
веки?
Как, скажи, мне брови не насупить,
глянуть —
и остаться человеком?

И лягушкой ночью не заплакать,
я люблю тебя,
как любят квакать,
как вдова — кричать,
как рыба — плавать,
я люблю тебя, как слабый —
славу,
как осёл — траву,
как солнце — небо.
Ты скупа, тебе прожить легко,
даже нищий дал мне ломоть хлеба,
как дают ребёнку молоко.
Если б звался я, дурак, Хаямом,
если б я, проклятый, был Хафизом,
если б был я Махамбетом, я бы!..
Только все стихи уже написаны.
Так в горах любили и в степях,
так любили — и смеясь и плача.
Разве можно полюбить иначе?..
Я люблю тебя, как
я — тебя…

—————————————————————————————-

 

КАДЫР  МЫРЗА АЛИ  ( КАЗАХСТАН )

Казак аялы

Чыдамыңды берсе эгерде темирге,
темириң да чыдабастыр көмүргө.
Казак кызы,
кайран казак аялы,
канча азапты,
көрдүң экен  өмүрдө?
Кызды катар койбосо да уул менен,
азаматбы кадырыңды билбеген?
Ак жоолукка ороп алтын
башыңды,
от менен кирип,
чыгып жүрдүң күл менен.
Жумшаса да заман сени күң санап,
жамандан да ала билдиң миң сабак.
Жүн ийирип,
килем токуп өрнөктүү,
чепкен тиктиң,
кийиз бастың,
жүн сабап.
Күнү бою эч албастан ыр тыным,
тойдо тыптынч өттү бекен  бир түнүң.
Үйдүн гана жыртыгы эмес,
туугандын,
достуктун да сен жамадың жыртыгын.
Көк майсанда кандын буусу буркурап,
кишенесе ээсиз тулпар чуркурап,
арасында агайындын кектешкен,
көп учурда өзүң түштүң чыркырап.
Тагдыр сенин жыйгызбады эсиңди,
кажыбастык чыңалгандан тешилди.
Жоого чаптың азаматтын жанында,
жибек менен тартып алып төшүңдү.
Кум астында,
суу астында бир калааң,
биздин тарых табышмактуу шыргалаң.
Шүгүр дедиң жоодон кийин,
койнуңда
аман калса он балаңдан бир балаң.
Кыр казагын кырган кезде
жакалуу
чапан кийген Букар менен Коконуң,
мураскери калбасын деп
чалыңа
өз кол менен алып бердиң токолун.
Көлдөй көрүп махабаттын
тамчысын,
күтүп өттүң жакшылыктын жарчысын.
Эгер бир ай көрүнбөсө сагындың
күйөөң түгүл сага чапкан камчысын!
Жолун кеспес кайнаганын, аганын,
сен бир гүлү,сен бир күнү талаанын.
Китепсиз да,
окудуң сен китептей
ата эненин кашы менен кабагын!
Бейкуттукка  кетире албай
ар кимин,
өттү кетти,
өттү кетти  шердигиң.
Мына анык башыңарда
казактын
жазылбаган азабы да эрдиги…

———————————————————————————

Қазақ әйелі

Төзіміңді берсе сенің темірге,
Темірдің де түгі кетпес көмірге.
Қазақ қызы,
Қайран қазақ әйелі,
Не көрмедің,
Не кермедің өмірде?!
Қызды қатар қоймаса да ұлменен,
Азамат па қадіріңді білмеген!
Ақ жаулықпен орап алтын басыңды.
Отпен кіріп,
Шығып жүрдің күлменен.
Жұмсағанмен заман сені күң санап,
Жаманнан да ала білдің мың сабақ.
Жүн иіріп,
Кілем тоқып өрнекті,
Шекпен тіктің.
Киіз бастың.
Жүн сабап.
Тәулік бойы алмайтұғын жыр тыным.
Тойда тыныш өтті ме екен бір түнің.
Үйдің ғана жыртығы емес,
Туыстық,
Достықтың да сен жамадың жыртығын.
Көк майсада қанның буы бұрқырап,
Кісінесе иесіз тұлпар шұрқырап,
Арасына ағайынның кектескен
Қай кезде де өзің түстің шырқырап.
Тағдыр сенің жиғызбады есіңді,
Төзім сауыт тауқыметтен тесілді.
Жауға шаптың азаматтың жанында,
Жібекпенен тартып тастап төсіңді.
Құм астында,
Су астында бір қалаң.
Тарих біздің жұмбағы көп шырғалаң.
Шүкір дедің жаудан кейін,
Қойныңда
Аман қалса он балаңнан бір балаң.
Қыр қазағын қырған кезде
Оқалы
Шапан киген Бұқара мен Қоқаның,
Мұрагерсіз қалмасын деп
Шалыңа
Өз қолыңнан алып бердің тоқалын.
Көлдей көріп махаббаттың тамшысын,
Күтіп өттің жақсылықты жаршысын.
Егер бір ай көрінбесе сағындың
Күйеуіңнің өзі түгіл қамшысын!
Жолын кеспес қайнағаның, ағаның,
Сен бір гүлі, сен бір күні даланың.
Кітапсыз-ақ
Оқыдың сен кітаптай
Ата-ананың қасы менен қабағын!
Тыныштыққа кептіре алмай терлігін,
Өтті-кетті,
Өтті-кетті, шерлі күн.
Өздеріңнің бастарыңда
Қазақтың
Жазылмаған азабы мен ерлігі!..

НАЗЫМ  ХИКМЕТ РАН ( ТҮРКИЯ )

СЕНИ ЭСТЕМЕК КАНДАЙ СОНУН

 

Сени эстемек кандай сонун:

Бу түрмөдө

өлүм, жеңиш кабарлары келгенде,

жана жашым кырктан өтө бергенде.

 

Сени эстемек кандай сонун:

Колдоруңду, көгүш шейшеп үстүндөгү суналган,

Чачтарыңды каражаным Истанбулдун

турпагындай жумшак аста буралган.

Ичимдеги да бирөөнө окшоп турат

сени сүйүү бактысы

геран аңкып манжаларың учтары

кыпкызыл бир сызыктарга бөлүнгөн

карангыда, ырахаттуу

бир дененин таттуусу.

 

Сени эстемек кандай сонун:

Сен жөнүндө ыр жазмак

сени ойломок жатып алып түрмөдө.

Ар кай жерде сөздөрдү эмес сүйлөгөн,

бир өзүңдү

маанай жарык дүйнөдө.

 

Сени эстемек кандай сонун:

Бир нерселер жазасамбы тактадан,

же бир суурма, же шакек,

же үч метр жибек шалы токусам.

Же болбосо ыргып туруп ордуман,

терезеден темир торго жабышып,

эркиндиктин сүттөй аппак көгүнө,

сага жазган ырларымды бир бакырып окусам.

 

Сени эстемек кандай сонун:

Бу түрмөдө

өлүм, жеңиш, кабарлары келгенде,

жана жашым кырктан өтө бергенде…

1945

 

 

 

 

Ne güzel şey hatırlamak seni

 

Ne güzel şey hatırlamak seni:
ölüm ve zafer haberleri içinden,
hapiste
ve yaşım kırkı geçmiş iken…

Ne güzel şey hatırlamak seni:
bir mavi kumaşın üstünde unutulmuş olan elin
ve saçlarında
vakur yumuşaklığı canımın içi İstanbul toprağının…
İçimde ikinci bir insan gibidir
seni sevmek saadeti…
Parmakların ucunda kalan kokusu sarduya yaprağının,
güneşli bir rahatlık
ve etin daveti:
kıpkızıl çizgilerle bölünmüş
sıcak koyu bir karanlık…

Ne güzel şey hatırlamak seni,
yazamak sana dair,
hapiste sırt üstü yatıp seni düşünmek:
filanca gün, falanca yerde söylediğin söz,
kendisi değil
edasındaki dünya…

Ne güzel şey hatırlamak seni.
Sana tahtadan birşeyler oymalıyım yine:
bir çekmece
bir yüzük,
ve üç metre kadar ince ipekli dokumalıyım.
Ve hemen
fırlayarak yerimden
penceremde demirlere yapışarak
hürriyetin sütbeyaz maviliğine
sana yazdıklarımı bağıra bağıra okumalıyım…

Ne güzel şey hatırlamak seni:
ölüm ve zafer haberleri içinde,
hapiste
ve yaşım kırkı geçmiş iken…

 

 

 

 

НАЗЫМ ХИКМЕТ РАН  ( ТҮРКИЯ )

АЯЛЫМА КАТ

Оо, жан биргем!
соңку жазган катыңда:
башым ооруйт, жүрөк сыздайт –
дегенсиң,
сени асышса, өлтүрүшсө,
жашай албайм –
дегенсиң.

Сен жашайсың, жан жарым,
элесим да тарап кетет тез эле,
шамал урган туман окшоп, ардагым.
Жүрөгүмдүн кызыл чачтуу ай кызы,
ашып кетсе бир жыл болот,
бу жыйырманчы кылымда,
бир өлүмдүн кайгысы.
Мына ошондон жарпым да жок жазылган,
көңүлүм да толбой турат бир өлүккө асылган.
Ал андыктан сүйгөнүм,
бир бечара лөлүнүн
кара курттай кылдар баскан колдору
мойунума өлүм жибин салган кезде арасат,
коркунучту көрөбүз деп
көгүш түстүү көздөрүнөн Назымдын
кур бекерге карашат.

Мен ошондо,
күңүрт баскан эң акыркы таңымда,
досторумду жана сени көрөмүн,
жана жалгыз жарым калган
бир ырымдын кайгысын
топуракка көмөмүн.
Жарым менин!
Мээрман жүрөк, алтын түс,
көздөрү да бал шимирген аарыдай.
Шалгам сымал баш жулунбас капыстан,
балким жаза ишке ашпас
жөн туралы наалыбай.
Андан көрө акчаң болсо бир ич кийим

аласал,
кармап жүрөт аяк оору баягы,
жана унутпа, жакшы ойлорду ойлосун,
бир туткундун аялы.

1933 жыл. Бурса түрмөсү.

 

NAZIM HIKMET RAN

KARIMA MEKTUP

Bir tanem!
Son mektubunda:
“Başım sızlıyor
yüreğim sersem!”
diyorsun.
“Seni asarlarsa
seni kaybedersem,”
diyorsun,
“yaşayamam!”

Yaşarsın, karıcığım,
kara bir duman gibi dağılır hatıram rüzgarda;
yaşarsın, kalbimin kızıl saçlı bacısı,
en fazla bir yıl sürer
yirminci asırlarda
ölüm acısı.
Ölüm
bir ipte sallanan bir ölü.
Bu ölüme bir türlü
razı olmuyor gönlüm.
Fakat
emin ol ki, sevgili,
zavallı bir çingenenin
kıllı, siyah bir örümceğe benzeyen eli
geçirecekse eğer
ipi boğazıma,
mavi gözlerimde korkuyu görmek için
boşuna bakacaklar
Nazım’a!

Ben,
alacakaranlığında son sabahımın
dostlarımı ve seni göreceğim,
ve yalnız
yarım kalmış bir şarkının acısını
toprağa götüreceğim…
Karım benim!
İyi yürekli,
altın renkli,
gözleri baldan tatlı arım benim;
ne diye yazdım sana
istendiğini idamımın,
daha dava ilk adımında
ve bir şalgam gibi koparmıyorlar
kellesini adamın.
Haydi bunlara boş ver.
Bunlar uzak bir ihtimal!
Paran varsa eğer
bana fanila bir don al,
tuttu bacağımın siyatik ağrısı.
Ve unutma ki
daima iyi şeyler düşünmeli
bir mahpusun karısı.

 

 

 

 

 

ОРХАН  ВЕЛИ ( ТҮРКИЯ )

 

Истанбулду тыңшап турам

Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу;
Алгач акырын бир жел келет.
Акырын акырын термелишет
жалбырактар дарактарда.
Алыс жакта, тээ алыста,
суучулардын токтобогон конгуроолору.
Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу.

Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу;
Куштар учуп өтүшөт
бийиктерден топ тобу менен, чуулдашып.
Торлор тартылат булуңдарда.
Бир аялдын буттары сууга малынууда.
Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу.

Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу;
Салкын, салкын Капалычаршы,
күүлдөгөн Махмутпаша,
көгүчкөн толгон чатырлар.
Балканын доошу келет деполордон.
Көзөлүм көктөм желинде тер жыттары.
Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу.

Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу;
Эски доорлордун мастыгы башымда кайнап,
Күңүрт кайыкканалары менен бир аксарай,
Токтогон шамалдардын шуулдагы ичинде
Истанбулду тыңшап турам көздөрүм жумулуу.

Истанбулду тыңшап турам көздөрүм жумулуу;
Бир ойсоке өтүп келет таш көчөдөн,
Сөгүнүүлөр, ырлар, обондор, тийишкендер.
Колунан жерге бир нерсе кулайт,
гүл сыяктуу.
Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу.

Истанбулду тыңшап турам, көздөрүм жумулуу;
Бир куш чабалактайт этектеринде…
Бешенең ысыкпы же, билип турам,
эриндериң нымдуубу же, билип турам.
Аппак ай жаңырууда жаңгактардын аркасынан,
жүрөгүнүн урушунан сезип турам,
Истанбулду тыңшап турам.

 

İSTANBUL’U DİNLİYORUM

İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı
Önce hafiften bir rüzgar esiyor;
Yavaş yavaş sallanıyor
Yapraklar, ağaçlarda;
Uzaklarda, çok uzaklarda,
Sucuların hiç durmayan çıngırakları                                                              İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı.

İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı;
Kuşlar geçiyor, derken;
Yükseklerden, sürü sürü, çığlık çığlık.                                                                Ağlar çekiliyor dalyanlarda;
Bir kadının suya değiyor ayakları;                                                                İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı.

İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı;
Serin serin Kapalıçarşı
Cıvıl cıvıl Mahmutpaşa
Güvercin dolu avlular
Çekiç sesleri geliyor doklardan                                                                      Güzelim bahar rüzgarında ter kokuları;
İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı.

İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı;
Başımda eski alemlerin sarhoşluğu                                                                         Loş kayıkhaneleriyle bir yalı;
Dinmiş lodosların uğultusu içinde                                                                     İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı.

İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı;
Bir yosma geçiyor kaldırımdan;                                                                          Küfürler, şarkılar, türküler, laf atmalar.                                                             Birşey düşüyor elinden yere;
Bir gül olmalı;
İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı.

İstanbul’u dinliyorum, gözlerim kapalı;
Bir kuş çırpınıyor eteklerinde;
Alnın sıcak mı, değil mi, biliyorum;                                                              Dudakların ıslak mı, değil mi, biliyorum;
Beyaz bir ay doğuyor fıstıkların arkasından
Kalbinin vuruşundan anlıyorum;                                                                        İstanbul’u dinliyorum.

 

 

 

 

ORHAN VELİ   (TҮРКИЯ)

 

ЖАШОО

Жашоо деген оңой эмес, билемин.

Жар үстүндө ырдагандай көңүлдөн.

Түнү каңгып жарыгында жылдыздын,

күндүз ысып күн нуруна төгүлгөн.

Мүмкүндүк таап эч болбосо жарым күн,

Чамлыжанын төбөсүнө баргандай.

Көк ирими көңүл ачкан Босфордо,

унуткандай бүт көйгөйдү ар кандай.

 

Жашоо деген оңой эмес, билемин.

Бирок мында

бир маркумдун али жылуу төшөгү.

Да бирөөнүн сааты иштейт колунда.

Жашоо деген оңой эмес, ээ туугандар?

Өлмөк дагы ошондой…

 

Оңой эмес бу жашоого кош айтыш.

 

 

 

 

 

YAŞAMAK

Biliyorum, kolay değil yaşamak,
Gönül verip türkü söylemek yar üstüne;
Yıldız ışığında dolaşıp geceleri,
Gündüzleri gün ışığında ısınmak;
Şöyle bir fırsat bulup yarım gün,
Yan gelebilmek Çamlıca tepesine…
-Bin türlü mavi akar Boğaz\’dan-
Her şeyi unutabilmek maviler içinde.

Biliyorum, kolay değil yaşamak;
Ama işte
Bir ölünün hâlâ yatağı sıcak,
Birinin saati işliyor kolunda.
Yaşamak kolay değil ya kardeşler,
Ölmek de değil;

Kolay değil bu dünyadan ayrılmak.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АТИЛЛА  ИЛХАН ( Түркия )

 

Мажбурмун сени сүйгөнгө

Мажбурмун сени сүйгөнгө, билгиң келбейт.
Атыңды мык сымал акылыма кагыптырмын.
Бакыраят көздөрүң бал бал жанып,
мажбурмун сени сүйгөнгө билгиң келбейт,
сен менен ичимди оттой жагыптырмын.
Дарактар күзгө даярданышат,
ушул шаар качанкы бир Истанбулбу?
Караңгылыкта булуттар чачырашат,
көчө шамдары бирден жанышат,
таш көчөлөрдө жамгыр жыты,
мажбурмун сени сүйгөнгө, сен жоксуң…
Коркутат коп учурда сүйүү дагы,
бир кечте адам деле капыс чарчайт.
Бу жашоо устуранын мизине окшоп,
байлантып ары калчайт, бери калчайт.
Чыгарат өмүрүңдөн ар тагдырды.
Каксаң да канча эшикти адам издеп,
артында  жалгыздыктын муң кайрыгы.
Фатихте бир грамофон ырдайт тынбай,
качанкы эскерүүдөн жүрөк сыздай,
көчөнүн бир бурчунда турсам тыңдай.
Сага мен колдонбогон көк апкелсем,
апталар колдорумда майдаланат.
Билбеймин бу өмүрүм кайда барат,
сүйүүгө мажбур кылдың, сен кайдасың?

Баладай  жайда тоңуп өзгөрүлгөн,
тааныбайт эми сени, эч ким билбейт.
Бир кеме агат түпсүз көздөрүңдөн.
А балким Йешилкөйдө учактасың,
суу болупсуң бар жогуң, бышактайсың.
Балким көрсүң, сындырышты, кыжаалатсың,
шамал согуп уйпалап чачтарыңды.

Качан  мен жашаганды баштаганда,
мына ушул карышкырлар арасында,
булганбай  колдорубуз калса гана.
Качан мен жашаганды ойлогондо,
унчукпа деп атыңды атап баштай берем,
толкуну окшоп көп  сырдуу деңиздердин.
Жок эми башка түрдүү болбойт эми,
сүйүүгө мажбур болдум, билгиң келбейт.
Сен жоксуң…

BEN SANA MECBURUM

 

Ben sana mecburum bilemezsin

Adını mıh gibi aklımda tutuyorum

Büyüdükçe büyüyor gözlerin

Ben sana mecburum bilemezsin

İçimi seninle ısıtıyorum.

 

Ağaçlar sonbahara hazırlanıyor

Bu şehir o eski İstanbul mudur

Karanlıkta bulutlar parçalanıyor

Sokak lambaları birden yanıyor

Kaldırımlarda yağmur kokusu

Ben sana mecburum sen yoksun.

 

Sevmek kimi zaman rezilce korkuludur

İnsan bir akşam üstü ansızın yorulur

Tutsak ustura ağzında yaşamaktan

Kimi zaman ellerini kırar tutkusu

Bir kaç hayat çıkarır yaşamasından

Hangi kapıyı çalsa kimi zaman

Arkasında yalnızlığın hınzır uğultusu

 

Fatih’te yoksul bir gramofon çalıyor

Eski zamanlardan bir cuma çalıyor

Durup köşe başında deliksiz dinlesem

Sana kullanılmamış bir gök getirsem

Haftalar ellerimde ufalanıyor

Ne yapsam ne tutsam nereye gitsem

Ben sana mecburum sen yoksun.

 

Belki haziranda mavi benekli çocuksun

Ah seni bilmiyor kimseler bilmiyor

Bir şilep sızıyor ıssız gözlerinden

Belki Yeşilköy’de uçağa biniyorsun

Bütün ıslanmışsın tüylerin ürperiyor

Belki körsün kırılmışsın telaş içindesin

Kötü rüzgar saçlarını götürüyor

 

Ne vakit bir yaşamak düşünsem

Bu kurtlar sofrasında belki zor

Ayıpsız  fakat ellerimizi kirletmeden

Ne vakit bir yaşamak düşünsem

Sus deyip adınla başlıyorum

İçim sıra kımıldıyor gizli denizlerin

Hayır başka türlü olmayacak

Ben sana mecburum bilemezsin.

 

Atilla Ilhan

 

АТИЛЛА  ИЛХАН  ( ТҮРКИЯ )

АТЫМ  КҮЗ

 

Керемет

гүлдөр жаайт ар жагына

өрүктүн дарагына

Нур болуп сүзүп барат

чагылып көздөрүңө

бүт бардык тарабына

Кеч кирди мага дагы

төгүлөт бариктерим

акырындап

атым күз

 

 

Adım Sonbahar

 

Nasıl iş bu

her yanına çiçek yağmış

erik ağacının

ışık içinde yüzüyor

neresinden baksan

gözlerin kamaşır

oysa ben akşam olmuşum

yapraklarım dökülüyor

usul usul

adım sonbahar

 

ЖЕЛАЛЕДДИН  РУМИ    ( ТҮРКИЯ )

 

Бир таш болуп өлгөн элем,

чөпкө айландым таралып.

Чөп катары өлгөн элем,

жандык болдум жаралып.

Жандык болуп өлгөндөн соң,

адам болдум мен деле.

Андай болсо өлүмдөн да,

коркмок элем эмнеге?

Адам болуп өлгөндөн соң,

периштеге айланам.

Нур сыяктуу алып учуп,

Жаратканга байланам.

Баркыраймын бир жан болуп,

билинбеген эч кимге.

Жаркыраймын жылдыз болуп,

өмүр,өлүм үстүндө.

 

 

Taş olarak ölmüştüm, bitki oldum.

Bitki olarak öldüm ve hayvan oldum.

Hayvan olarak öldüm, o zaman insan oldum.

Öyleyse ölümden korkmak niye?

Hiçbir sefer kötüye dönüştüğüm,

Ya da alçaldığım görüldü mü?

Bir gün insan olarak ölüp,

ışıktan bir yaratık,

rüyaların meleği olacağım.

Fakat yolum devam edecek,

Allah’tan başka her şey kaybolacak.

Hiç kimsenin görüp duymadığı birşey olacağım.

Yıldızların üstünde bir yıldız olup,

Doğum ve ölüm üzerinde parlayacağım.

 

 

 

 

 

 

ЖЕМАЛ  СҮРЕЯ  ( ТҮРКИЯ)

 

АЛЫСТАН СҮЙӨМ СЕНИ

 

Алыстан сүйөм сени

Жытыңдан жыттай албай

Мойнуңан кучактабай

Жүзүңдөн сылай албай

Жөн гана сүйөм сени

 

Ушундай узактан сүйөм сени

Колуңду кармабастан

Жүрөгүң алдабастан

Көздөрүңө чөгүп чөгүп кетпестен

Ушул үч күндүк сүйүүлөргө атайлап

Акмакча эмес адам өңдүү сүйөм сени

Ушундай узактан сүйөм сени

Эки тамчы көз жашыңды аарчыбастан

Кубанчыңа орток болуп жыргабастан

Ырларыңды биргеликте ырдабастан

Ушундай узактан сүйөм сени

Сындырбастан

Төкпөстөн

Бузбастан

Таарынтпастан

Ыйлатпастан узактан сүйөм сени

Ушундай узактан сүйөм сени

Ар сөзүм айткым келген

Тилимден сүйөмүн деп бөлүнгөндө

Тамчы, тамчы сөздөрүм төгүлгөндө

Таптаза ак баракта сүйөм сени

 

 

 

 

 

 

 

 

Uzaktan seviyorum seni

 

Uzaktan seviyorum seni
kokunu alamadan
boynuna sarılamadan
yüzüne dokunamadan
sadece seviyorum

öyle uzaktan seviyorum seni
elini tutmadan
yüreğine dokunmadan
gözlerinde dalıp dalıp gitmeden
şu üç günlük sevdalara inat
serserice değil adam gibi seviyorum
öyle uzaktan seviyorum seni
yanaklarına sızan iki damla yaşını silmeden
en çılgın kahkahalarına ortak olmadan
en sevdiğin şarkıyı beraber mırıldanmadan
öyle uzaktan seviyorum seni
kırmadan
dökmeden
parçalamadan
üzmeden
ağlatmadan uzaktan seviyorum
öyle uzaktan seviyorum seni;
sana söylemek istediğim her kelimeyi
dilimde parçalayarak seviyorum
damla damla dökülürken kelimelerim
masum beyaz bir kağıtta seviyorum

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу