Лифт
Ошо күнү үйгө жетүү азап болду. Дагы түнөбөй каламынбы деп сарсанаа болгонуму айтпа. Зыңылдап эле баратабыз. Баягы тааныш теректи издейм. Көрүнбөйт. Улам эшик ачылганда эле издегеним бай түп терек. Канча сүздүм. Сүзбөсөм тааныбайт элем да. Андан калса, менин токтоочу жайымдын белгиси. Аялдаманын эле астанасында турат. Аны сүзбөй коюу мүмкүн эмес, соо эле болбосоң. Зыңылдап эле баратабыз.
Баары масты биринчи жолу көргөнсүп оңурая тиктешет. Тегерегиме көз жүгүртсөм, өң тааныштай… Чыны кичине жетпей турду. “Жүр” десе эле макул болчудаймын. Эч ким менин дартимди билбейт. Чөнтөк эбак какталган. “Дагы жакшы жол киреге тыйын калыптыр” деп коём ичимен. Улам эшик ачылганда эле акмалап теректи издейм. Жок, каран калгырдыкы. Башкага түшүп алдымбы, дейм. Бир убакта кошунам кирип келди. Сүйүнүп кеттим. “Ой, кайда, түн жарымда” дейм. “Дүкөнгө, байке” деп кайра түшүп кетти. “Өлгөн экен да. Битини… Эки машинасы туруп, түн жарымында троллейбус менен дүкөнгө барабы?.. Жмот…” деп атам ичимен. О дагы мени түшүнбөдү. Зуулдап эле баратабыз.
Артыма кылчайып карасам, бир жигит турат. Мени тааныйт окшойт. Учурашты. “Жеттикпи, үка” дедим акырын кулагына шыбырап. “Өтүп кетпедиңизби, эми кайра кайтканда түшөсүз” деди мени туурап. Өпкөм оозума тыгыла түштү. Түн жарымы болсо, троллейбус кайтмак беле. Шылтоо издей баштадым. “Жакынын үйүндө калдым” десемби, жок ишенбейт. Же милийсаканага барып жатып алсамбы? “Уруштук” дейм да. “Ушу мени менен бирөө урушуп убара болобу” деп кайра ал оюмдан кайтамын. “Бүгүнкү күнүм бүттү” деп атам. Эми эртең тирүү калышым керек.
Улам кирип-чыккандар азая баштады. Карасам, бир кыз турат. Мени кучактап алды. “Жакшы адамдын кызы го” деп коём. Бир убакта эшик ачылганда, “Жүрүң ата, түшөбүз” деди. Сыртты карасам, аялым турат. “Ой, түн жарымда аялдамада мине кылып жүрөсүң?” дейм. “Түш бери!.. Лифтти сага эле байлап берсе дагы… Тырбык!..” деди. Шу сөзү мени эркелеткендей сезилди. Өз үйүмө жетип келгениме жетине албай, аялымды чопулдатып өөп жаттым. Ал канчалык жекирбесин мага жагып атты.