Публицистика Сын

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти:

“Карарган деңиз, агарган толкунга” катылган сыр.

 

                             Адабий  анализ

 

Алым Токтомушев адабиятка аяр, жоопкерчилик менен мамиле кылган калемгерлердин катарына кирет. Ал өзүн кыска өмүрүндө А.Токтомушев деген ысымды мыкты акын, таланттуу котормочу, курч журналист, өткүр  аналитик, адабий серепчи жана саясат талдоочу катары тааныта алды.

Анын  чынчыл акын болсом деген тилеги аз бирок саз, бирөөлөрдү туурабаган, бирөөлөрдөн уурдабаган, жамактатпаган, пырдан сап курабаган, ырдын саны эмес, сапаты үчүн  жазылган поэзиясында ишке ашты. Ал ырын ары-бери чүргөй салып, жеңил  ойлонгон, жеңил жазган эмес, жүз жолу же миң жолу сансыз ойлонуп, сансыз толгонуп, ойдун кара терине кекиртегинен батып, өзү айткандай: ”кан менен тердин ортосунда” жазган.

Башкалардан бир айырмачылыгы  анын поэзиясы салттуу формадан, ак ырдан, верлибрден  же болбосо дүйнөлүк акындардын ыр жазуу формасынан, дегеле  ар түрдүү адабий агымдардын арасынан  “өзүн издеп жүрүп…” өткөн акындардын категориясына кирет.  Биз бул жолу окурманды аргасыз өзүнө тарткан, обончулардын көңүл сыртында калбаган, мааниси да, сюжети да  ары табышмактуу, ары сырдуу, ойго бай, кепке сараң, карама-каршылыктар менен контрастка жыш, бир-эки окуп сиңире албаган, үч-төрт жолу окуп, үчтөн бир ойдун учугун  араң кармаганга  мажбурлаган  бир ырын талдап көрүүнү эп көрдүк.  Ырдын темасы  “Караган деңиз, агарган толкун” деп аталат. Келиңиз, ырдын биринчи куплетин (алты саптан) окуп көрөлү…

Мен турган тушта –сен туулган кыштак
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.

Жалгыз бир кезде жарк этти эске,

Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.

Барайын дедим, баралган жокмун,

Карарган деңиз, агарган толкун.

Бир караганда ыр акындын жан дүйнө абалынан  кабар айтып турганы менен качанкы бир өткөн балалыгы, жаштыгы, туулуп өскөн айылы, окуучулук, студенттик күндөрүн эске салат да, дал ошондогу  көкүрөгүнө каткан таберик бир  таттуу кыялын,  аруу тилегин, асыл максатын  алпештеген эрезеге жеткенде же баралына толгондо  жетип-жетпеген купуя  арзуунун четин чыгаргансыйт… Ал эмне болгон арзуу? Ошондогу билинип-билинбеген, таанылып- таанылбаган  арзуу көкүрөгүнө кыттай куюлуп, тамгадай басылып калганы менен өмүр көчүндө ошонун азабын, машакатын, мүшкүлүн   көп тарткан. Акын аттуулардын (кеп  жекече стиль жөнүндө) баары эле ошол арзууну, ошол азапты сезе бербейт. Кемде-кем, сейрек өзүнө талапты катуу койгондор, өз принцибинде тургандар, өз сөзүнүн ээси болгондор кыскасы, поэзиянын тазалыгы, тунуктугу  үчүн башын сайгандар гана  билет, баш ийет, карманат.

Тизмектеги “Барайын дедим, баралган жокмун” деген саптар -оксюморон (грек тилинен алынган, мааниси карама-каршы сөздөрдүн айкалышы)  ойду  элестүү,  курч,  ачык жана так берүүдө орундуу колдонулгандыктан автордун ою  экиленбей,  ойкуштабай,  көзгө тике карагандай, өзү  минтип моюнга алып ырдагандай: “Жалгыз бир кезде жарк этти эске” антонимдердин семантикалык  табиятын  таамай, чеберчилик менен аныктап турат. Биринчи куплетинин  акыркы сабындагы “Карарган деңиз, агарган толкун.”-бул акындын купуя арзуусу, сыры. Поэзиянын стихиясы  учу-кыйырсыз деңизге окшойт, деңиздей терең, деңиздей сырдуу, деңиздей оор, деңиздей оош-кыйыштуу. Деңизди ырдаса, чилилик акын Габриэла  Мистралчалык “Деңиздин өлүмүн” ырдаар… Акын өзүн жана өзүнүн жан-дүйнөсүн  карарган деңизге, деңиздеги агарган толкунга салыштырганы жөн жерден эмес. Ак-кара чогуу жүрөт, чогуу жашайт, карама-каршылык диалектиканын мыйзамы. Табият мыйзамын танбайт, чанбайт, таптак сактайт.  Поэзия-жан дүйнө, поэзия- деңиз, поэзия-океан, поэзия-аалам, поэзия-планета  мындай сөз тизмегин катар-катар тизе берсек болот,  баш-аягы чексиз.

Биз адамдар, айрыкча чыгармачылык менен алектенгендер мактаганды, сыйды, наам менен сый-ургалдарды  өлө жакшы көрөбүз. Бул кишинин табиятындагы бар нерсе. Бирок, чегин-ченемин карманбайбыз…. Чыгармабызды мактаса, көкөлөтсө экен деп эле  шыпшынабыз.  Табиятта канчалык карама-каршылык, оң-тетиринин күрөшү кандай мааниге ээ болсо, адабиятта  да так ошондой адабий сындын ич ара  чабышынан, талашып-тартышуудан тактык жаралат, тараза  ташынын салмагы аныкталат, ошон үчүн кара кылды как жарган сынчылык  өнөр, сынчылык касиет, сынчылык  майдан  калыптанган.

Сөздүн кудуретине тан бериш керек. Көрүнүктүү тилчи-окумуштуу, филология илимдеринин доктору Бейшенбай Усубалиев айткандай: “Тил-баарыбыздын энчибиз, ал эч кимди жана эч нерсени ылгабайт. Бирок өзүн ылгоону талап кылат” деген аныктамасы бүгүнкү күндө  аксиомага айланып отурганы бекеринен эмес.

Кеп башынан болсун. А.Токтомушевди  коомчулукка акын катары тааныткан мезгилге катпасак болчудай эмес. Анын “Жолдогулар” аттуу тун жыйнагы 1983-жылы жарыкка чыгат. Союз кезинде адабият дүркүрөп турганда,  жыйнактын  жарык көрүшү  аттуу-баштуулардын көзүнө илешип калуу ниети, айрыкча адабият ышкыбоздору менен окурмандардын көңүлүн бурдуруу тилеги көкүрөгүнө  тынчтык бербеген жаш акындар үчүн  өзүнчө эле тарыхый окуяга тете болгону жашыруун эмес. Анын жупкадай  жука [28 бет] китеби өз мезгилинде  окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынганы анык.  Анын келечегинен  үмүттөнгөндөр, китеп артынан китебин чыгарат деп күткөндөр көп болгон.

Жылдар өттү, доорлор  алмашты. Мезгилдер кубалашып отуруп, ар кимди өз ордуна коюп келатат жана аныктап коёт, анткени поэзиянын баа-наркын мезгил аныктайт.  Окурмандын  үмүттүн канчалык актаганы кеп эмес, поэзияга кандай мамиле жасаганы  маани ээ болот. Акындын улуттук адабияттагы ак кызматы аз сандагы ырлары менен көп сандагы көркөм котормолорунун  оргиналдуулугу, эн белгиси, бөтөнчөлүгү жана  жеке сапат белгилери аркылуу  кашкайып бөлүнүп турат. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн “Жолдогулардын”  биринчи бетиндеги “Балалык” деген  ырына назар  таштайлы.

Азиз окурман, сиз балалык жөнүндө жазылган канчалаган акындын ар кандай аталыштагы  ырын  окусаңыз, ошончо ырдын  мааниси, идеясы бирдей  же  стили, жанры, жазуу манерасы, ойду туюнтуу  жагынан кандайдыр бир окшоштугун, биримдигин, жалпылыгын таба аласыз. Ал эми А.Токтомушевдин “Балалыгы” башкачараак, андан көз алдыга даана тартылган бүтүн сюжет, композициялык  түзүлүш, кынтыксыз кармаган  картина же  кайсы бир  баш-аягы  бүткөн окуя жок. Келиңиз,  ырдын ар кайсы куплетин бөлүп  карайлы өзүнчө, оболу  биринчи куплетти окуп көрөлү:

 

Таңыркадым дүйнөгө мен

Таш сыяктуу дал болуп.

Жел жүрбөстөн желбиреди

Апакемдин шал жоолук.

ххх

Билбегеним, билгендерим

Жайнап турду жолумда.

Кармап турду бир дем мени,

Жараткандын колундай.

 

Жаш бала кадыресе балдардай  ойноп-күлүп, капарсыз жүргөнү менен жан дүйнөсүндө  сергек ойдун угуту ойгонуп, айлана-тегерегиндеги  жашоо-тиричиликке, адамдарга саресеп салып,  жообунан соболу көп дүйнөгө туш болгону үчүн “таш сыяктуу дал болду”.

Экинчи куплеттеги “Билбегеним, билгендерим” деген оксюморон баланын турмушта билгендери менен билбегендери  али көп экенин, анын келечеги белгисиз (чоң акын боло алабы?) айтайын дегенин тереңдетип, боёогун коюулантты, анткени акын сөз менен иштөөнү биринчи планга чыгарып, ага этият, сак жана сарамжал мамилесин көрсөттү. Ойду көркөм туюнтуу азаптын азабы. Адабият теориясында интерпретация  деген категория бар. Акындын талант-шыгын, ой жүгүртүүсүн, жан дүйнө абалын кантип сөз менен туюнтуунун деңгээлин аныктаган ыкма, т.а. жекече усул. Сөз менен иштөө-чоң чеберчилик. Аны акын  сезип-туйганы үчүн өзүн алдабаган адам, жараткан Аллахты да алдабайт эмеспи. Ошон үчүн

“Кармап турду бир дем мени, жараткандын колундай” деп, ички абалын  терең туюнтту.

Сезип турдум шүүдүрүмдөн

Мен басалек издерим.

Чарт жарылып бүчүрлөрдөй

Жалбырт  эте  түшкөнүн.

 

Чыдабадым, жанып кеттим,

Жарып алдым үнүмдү.

Жаңырыгын алып кетти

Батар күндүн күүгүмү…

 

Акыркы куплеттин башындагы эки сап ыр жазууга, нукура, таза поэзия жаратууга  куштарланган акындын ички дүйнөсүнөн  кымырылып-кымтынып,  сыбызгынын мукам үнүндөй  сызылып чыккан тилек-ниети эле. Ошол аруу максатына жеттиби? Акындын өз сөзүнө орун берели.  “Эми акындык деген кесип эмес да. Илгери жандүйнөнүн өзгөчө абалы деп коюшчу эмес беле.Толкуп-ташып турган. Бөксөрүп-толуп турган. [ Эски дептер, 8-б.] Менимче, бир дагы акын максатыма жеттим деп шар айтуудан этияттанат.

Дудуктардын карт кайгысын кеч дагы

Кайгы канча картаң болсо, сөз жаңы    ( “Тилек”.17-бет)

 

Өлөт сүйүүм сенин ысык төшүңдө,

Өлгөн сымал бүтүн дооран, көз ирмем.

 

Муз денелүү, айнек тилдүү жылдардай,

Айланасын  үшкүрүккө,  ырларга.

 

Добуш чыгат-тымызын күйүп, боздоп:

О, Жараткан, бизге эмес,  өзүңө окшот.  (“Өчүп-тамып… 18-бет)

 

Мен сени ачкалыктан  мураска алып,

Мен  сени токчулукка берем бөлүп!         (“Акындын сүйүүсү” 19-бет)

Жогорудагы ыр саптарын А.Токтомушев өз калеми менен өзү жараткан. Өзүнө таандык экени ар бир сабынан билинет. Ал көндүм шаблондордон, окшош салыштыруулар, метафоралардан жаа бою качкан, иллюзияны жанына жолотпогон. Аруу махабатын “сокурлардын үмүтүнө”  салыштырып, таза  сүйүүгө жетсем деген тилегин ырдаган.  Ыйык сезимдин ырахаты менен  жалынына мас болгондор анын азабы менен  кайгысына тушуккандагы абалына  жаңы ачып-кейип: “өлгөн сымал бүтүн дооран, көз ирмем” дегени   көкүрөгүнө  тагылган  тумардын  үзүлүп түшөрүн да моюнга аргасыз алды. Ыр турган турпаты менен  арзуу сезиминин  бычак мизиндеги карама-каршы,  контрастуу, курч,  күйүттүү абалын туюнтуп, ошол  мезгили “муз денелүү, айнек тилдүү жылдарга,  үшкүрүккө…” айланып кеткенин,  жамгыр  сымал акындын үнү да өчөрүн   кыйытып айтты.

 

Тунарган жакты турамын карап,

Туш-туштан шоокум шооладай жанат.

Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,

Бир мезгил кетет шамалдай сабап.

Бүт дүйнө шундай жаралган достум,

Карарган деңиз, агарган толкун.

 

Акын ырларынан байкалгандай табиятка, жерге,  сууга, топуракка кыскасы, аалам сырларына эң башкысы адабиятка, искусствого, дүйнө элдеринин маданиятына жакын болгон, терең сиңирип эле  калбастан,  жан дүйнө тегирменинен ошол түбөлүк категорияларга өз оюн билдире алган. Ал мезгилден, турмуштан, адамдардан, китептерден таалим-тарбия, сабак алып эле тим болбостон, ырлары,  ар түрдүү  жанрдагы чыгармалары аркылуу сабак окутканга, дарс бергенге татыган. Анын айрым  ыр тизмектери, айткан сөздөрү, аныктамалары философиялык чулу ойлорго шөкөттөлүп, окуган сайын ой артынан ойлорду чубап берет.

Экинчи  куплеттеги “Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,

бир мезгил кетет шамалдай сабап” деген эки сап  обьективдүү чындыкка тике караганга аргасыз кылганы үчүн эмес,  “бир мезгил келет, бир мезгил кетет” деген антонимдерди чебердик менен сыйдыра алганы  автордун жеке табылгасы болгон үчүн ырдагы образдуулукту,  таасирдүүлүктү,  көркөмдүк палитраны  бийиктетип турат.  Өмүрдү Жараткан  өзү ошондой өйдө-ылдыйы үзөнгүлөш,  жакшы-жаманы катарлаш, баш катырган татаал лабиринт сыяктуу жасайт.

Сөз кезегин кайрадан акынга берели: “Мүмкүн силерге жасалмадай  туюлар, бирок мен ушундай экем: жүрөгүм менен, милдет парзым менен, ишеним-таянычым менен ар дайым конфликте жашайм. Бүгүн жан дилим менен жакшы көрүп жазган  ырым эртең жакпайт. Ушундай карама-каршылыктар көп болду.

          Бардык агымдары туурап, улуу акындарга таасирленип көрдүм. Дүйнө поэзиясынан бир  далай  чыгармаларды котордум. Академия “Дүйнө поэзиясынын антологиясын” чыгарды го, ошолорго кирген котормолорум мисалы, азыр да мага аябай жагат. Жаш кезимде которсом да. Деги менин байкашымча, поэзия 17-35 жаштын ортосундагылардын иши экен. [Эски дептер. 9-б.]

Акындын ыр артынан  түшпөй, өзүн карманып,  жазса да аз жазганынын себеби бул деле эмес, ал изденүүдөн, чымырканган эмгектен тажабаган өжөр, чыгармачылыкка баш оту менен кирген, интеллекти өзгөлөргө салыштырмалуу бийик болгон, ошондуктан  жаңы сөз, жаңы ой, жаңы маани, жаңы бүтүм издеп жүрүп,   көркөм котормо өнөрүнө, журналистикага, публицистикага  басым койгон.

 

Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,

Кезинде жаады, кезинде кетти.

Тек гана дүйнө жазындай болгон,

Кумарлуу  кездер  көзүмдөн өттү.

Сенин да билем, тизмеңде жокмун,

Карарган деңиз, агарган толкун.

 

Бул ыр уйкаштык жагынан эч бир өксүгү жок. Акын  контексттеги ойлордун, көркөм туюнтмалардын чамгарагын бекем кармап тургансыйт, андыктан  мааниси жагынан карама-каршы келген ойлордун кербени мисалы: эпитет, метафора, оксюморон, “кезинде жаады, кезинде кетти”- деген антитеза ж.б. салыштыруулар,  ыр түзүлүшүндөгү   жеке  табылгалар – автордук антонимдер басымдуулук кылат да, андагы строфалардын табышмактуу, сырдуу, азгырыктуу  дүйнөсүнө  жетелеп алат. “Сенин да билем, тизмеңде жокмун” деген сап, пендечиликтен башы чыкпаган,  көпчүлүктү ээрчиген, элден калбай жашайын деп, бир күн ак чапанын, бир күн кара чапанын жамынган  кадыресе  адамдын турмушу, жан  дүйнөсү батырылган. Учурда “тең-теңи менен тезек кабы  менен”  деген макал  эки жаштын жаш курагына эмес, социалдык абалына карап дос болгон, куда -сөөк күткөн,  кызмат даражасына  жараша мамилешкен, көр дүйнөнүн азабы эле…

Оюбузду жыйынтыктайлы,  акындар мыкты ырларды мисалы классикалык ырды же шедеврди жаратарда кандай кыйналып, азап чексе, ой толгоосун аябай тартса, ошол ырдын  өмүрү  мезгил өткөн сайын жашара берет, жаңыра берет, ырдала берет. Так ушундай рухий байлык өмүрү өткөнчө сөз сыйлаган, сөз баалаган, сөз ылгаган,  сөздөн атын  жазган, сөздөн тагдыр жараткан Алым Токтомушевге таандык. Улуу көсөмдөрдүн бири,  кашкөй сынчы С. Жигитов:Акын деген, жазуучу деген ушу экен; өзүнүн эне тилинде жашап, өзүн жараткан элдин эсинде калат экен” деген сөзүн тастыктаганы анык.

Адабияттар:

 

1.Усубалиев, Б.  Кыргыз филолгиясы жана филологдору [Текст]    -Бишкек. 2007.-410 б.

  1. Токтомушев, А. Жолдогулар. Ырлар [Текст] -Фрунзе, “Мектеп” 1983. – 28 б.
  2. Токтомушев, А. Эски дептер. [Текст] -Бишкек, “Бийиктик” -2008. -308 б.
  3. Токтомушев, А. Жолбүгүн [Текст] / Түзгөн А.Сакыбаева. -Бишкек, “Имак Офсет” 2025. -504 б.

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу