Дасмия

Ризван Исмаилова, жазуучу:

                           ДЕПУТАТ

                              (аңгеме)

         Марлен Арсеновичтин ою тынчсыз, шайлоо жакындагандан бери уйкусу качты. Түн ортосунда ойгонсо, ары-бери ойдолоктоп, уктамагы азап.  Сүйлөшкөн  кишилерин, убадаланган  иштерин, таянган адамдарынын  сөзүн    электен өткөрүп, бөксөрүп бараткан чөнтөгүндөгү жашыл кагаздарын санактан өткөрөт. Анын эсебин   так билген бирөө гана. Кийинки кезде Ак үйдүн чамгарагын кармап турган эки-үч кишисинин кабак-кашын карай берип жүдөп да кетти…

Жанында жаткан келинчегине  карап; -Буга аземдүү, кымбат кийим  болсо, болду… деп койду. “Аялга акчаңды, сырыңды айтпа…” деген миллиардер досунун сөзү кулагына коюлуп калган.

        Ал кабинетине  кирип баратканда, дайыма күлүмсүрөп тосуп алган шыңга бойлуу, бели бир тутам, мүрүсүн жапкан  баклажан түстөнгөн чачы менен атырынын жыты аңкыган кызга көз кырын таштабай койбойт. Үйдөгү жубайына караганда  муну менен мамилеси  иттин жүнүндөй калың, жаш туруп наздуу кылыгы, жапакечтиги   менен эркелиги кай убак болбосун  кара туманды кууп жибергендей көңүлүн ачканга шыктуулугу майдай жагат. Бүгүн да көзү менен сырдуу жымыйып, саламына алик алгандай баш ийкеди.

      Мандат үчүн күрөштө акчадан да маанилүү нерсе акыл, амал жана бийликтин дымагы деп билет. Шайлоо өткүчөктү арыктайт, өңү -башы шапайып,  эч бир уйку көрбөгөндөй көзү үлдүрөп, жүдөй түшөт. Аны шымынын бели бошой түшкөндө сезет. Шайлоо округдарынын коён жатагына чейин  изилдеп бүткөн, кимдер каерде жашайт, кимдин тилин  ким угат, кайсы уруулар басымдуу, ата-тегин сүрүштүрүп, кызмат адамдарынын аркасы менен эмне кылышты  беш манжасындай билет. Эл деген сүрмө топтой болот тура. Тишинин  кычыгына тыгылган нерседен баш тарталбайт. Жеген ооз уялат дешип, бир айыл бир кишидей шайлап коюшат. Айылдын кадырлуу аксакалдарынан айланып-тегеренсе  болот деп шыпшынат. Айылда туулганына,  айылдын атынан мандат алып келгенине  жетине  албаганы да ушундан. Элдин көз карашы менен психологиясын жадыбалдай үйрөнүп бүткөн.

        Чөнтөк телефону тынымсыз шыңгырайт, бирок номурун карап баарына эле жооп бербейт. Керектүүлөрүнө белги салып алган. Эч кимге сыр бербегенге аракеттенет, бирок өзү үчүн суудан-оттон кайра тартпагандар менен жантыгынан жата калчудай  өпкөлөп сүйлөшөт.

-Тага жакшысызбы.

-Оо-ов, жакшы…

-Бизде иш жакшы кетип атат. Баягы сизге айткан катындар жудаям  иш  кылып атырлар. Ооруган-сыркагандарга барып, ахыбалын сураганча, пакеттин ичине кант-курс менен беркини салып, туугандарга  аста секин  таркатышат.

-Ишеничтүүбү аларың?

-Ананчы… Өзүңүз деректир койдурган  баланын айылы да…

-Аа-а, жакшы, жакшы.. Соцфонддо иштеген Жарматтан кабар барбы?

-Аларга  шайлоого аралашпагыла дептирлер. Аста секин жардам берем силерге,  катырып иштей бергиле деп, бизге чай берип кетти.

-Кудай мени, силерди колдосун. Депутат болуп шайланып алсам, бириңди да кур кол койбойм. Эркектик сөзүм…

Жаны жыргай түшкөндөй, апасынын бир туугандарына ыраазы болгондой, толкундангансып:

-Өз өлтүрбөйт -деген ушу да…  -деди, кол телефонун  өөп жиберчүдөй бооруна басып.

-А-а, тага сизге ишенебиз.

Телефону өчүп-өчө электе, эртеңки шайлоодо боло турган штаб башчысынын үнү акырын, жайма-жай чыкты. Ичип алгандын эртеси  башы ооруп, ачкылдан көзү каткан неме  анысын билдирбеш үчүн үнүн жасап, кыраатын келтирип, кыска -кыска сүйлөмөй адаты бар.

-Ассоломму  аллейкум.

-Канча деди?

-Көп эмеспи.

-Охо-оо, ошончо шайлоочусу бар бекен?  Макул дей бер.

-Бир-эки миңди кошуп берип кой. Курсагы тойбосо, оозу бош неме эртең эле айтып чыгат.

         Креслого чалкалай отуруп, күн мурунтан  пландалган  ишинин   бир жеринен ката кетирбеш үчүн  жан талашат. Башын катырып, стратегиялык  маанидеги иш-аракетинин натыйжасы үчүн баарына даяр турат. Аммалеки, бирөө-жарымдын бут тосконун сезип же угуп калса,   көктө баратып жердеги  курмандыгына шукшурулуп боюн  таштап, курч тырмагы менен кекиртектен илип алаар  жырткыч куштай  чебелектеп, душманын жоготмоюн    жаны жай албайт.

“Биринчи турда ит жыгылыш болобуз. Асек менен  Нурсултанды колго алып койсом, калган экөө алдыма келбей жаны жокпу? Эң эле опурталдуусу  Айбек Касымович бу карт бөрүнүн кантип ынандырсам болот? Ушуну менен үчүнчү жолку чакырылышка депутат болот, эгерде  бизди утуп алса…” деп ойлонуп, айткан  кишинин жүрүшүн, планынын  картасын ким жакшы ачып бере алат деп, баш катырды.

Айбек Касымовдун айласын кантип табаар экем деп, анын  эң  жакын адамдарын, катташкан кишилерин, куда-сөөгүн, жогору жактан  калкалап, сүйөп- таяп тургандарды  сүрүштүрүш  керек деп чечти. Тузакты каяктан салаарын чоттоду.

        Марлен Арсенович орто жаштан өтүп калганына карабай, шайлоо оюндарында  көп  эле утулган жок.  Утуп келатат. Айткан-дегени ордунан чыкты, мээлеген  огу сая кетпеди, өчтүү душмандарынын да  тилин таап,  талылуу жеринен кармап, өзүнө ынандырган таланты жагынан бул жарыкчылыкта экөө болсо- бирөөсү, бирөө болсо дал өзү. Жайгармай, бал тилге салмайдан алдына  киши өткөрбөйт, куулук жагынан жыландын кепшенгенин да билет.

    Тар чөйрөдө, санаалаш дос -жоросунан  арасында “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” деген ылакап аты бар. Бирөөнүн көзүнчө чычаламыш болгону менен өзүнө өлө жагат, моюнга алып эрдемсинет өзүнчө.

Өткөндө  ак үйдүн коридорунан карп-курп чыга алган эл-журтка таанымал авторитет байкеси:  -Өзүң дагы келесиң го… деп, турабыз деп, жибербедиби.

-Оозуңузга май!- деп,  кубанганынан өзүн коёрго жай таппагандай  шанаңдап каткырды, ал кишини оозунун илеби  тартыла электе.

         Телефонунун  коңгуроосу тынымсыз кага берди, бирок ал көтөргөн жок. Сырттагы видеокамерадан жупуну кийимчен, бирөөсү башына топу кийген, экөө тең сакалчан бейтааныш эки кишини, бирин жетелеп, бирин  колуна көтөргөн  эки балалуу аялды дагы үч-төрт адамдын жүздөрүн көрүп, жан сакчылары менен  дароо байланышты.

-Тиги тургандар кимдер?

-Сизди сурап жатышат. Баласы оорулуу аял акча жагынан жардам берет бекен деди. Эки киши сизди тааныган адамдар экен. Эмнеге келгенин айтышкан жок.

-Жок !- деп кой.

-Жана эле айткам. Күтүп турабыз дешти.

-Шопурду чакыр, арттан келип алып кетсин.

                                                     

About the author

Жазуучулар Союзу