Жаңылыктар Жарыялар

Францияда “Кыргыздар” китебинин бет ачары өтөт

ЮНЕСКОдо Чыңгыз Айтматовго арналган биринчи эл аралык конференцияда Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу француз тилинде жарык көргөн “Кыргыздар” китебинин бет ачары болот.

2025-жылдын 19-сентябрында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өтө турган Чыңгыз Айтматовго арналган биринчи эл аралык конференциянын алкагында кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, тагдырын, ошондой эле алардын өнүгүшүнө зор салым кошкон чыгаан инсандарды чагылдырган француз тилиндеги “Кыргыздар” китебинин бет ачары болот.

“Чыңгыз Айтматов жана ЮНЕСКО: дүйнөнү бириктирген жалпы мурас” аттуу эл аралык конференцияны Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлчүлүгү ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте уюштурууда.

Китептин автору Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев. Басылма он тилге, буга чейин  орус, англис, немис, араб, кытай, корей, түрк, азербайжан жана фарси тилдерине которулган.

“Кыргыздар” китебинде кыргыз элинин аңгемелери, каада-салттары, генеалогиялыкмаалыматтары жана руханий маданияты, фольклору, көп улуттуу Кыргызстандын шартында кыргыз элинин эволюциясын чагылдырган баалуу тарыхый материалдар камтылган.

Басылмада Кыргыз каганатынын негиздөөчүлөрүнө, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, ошондой эле улуттук-руханий баалуулуктарга, каада-салттарга, көркөм сүрөт жана прикладдык искусствого басым жасалган. Басылма кыргыз жаратылышынын ар түрдүүлүгүн — анын фаунасын, флорасын, ландшафттарын, жаратылыш ресурстарын ачып берет.

Китептин бет ачары дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Кыргызстандын тарыхый жана бай маданий мурастарына бурууну максат кылган эл аралык конференциянын программасынын маанилүү бөлүгү болот.

About the author

Жазуучулар Союзу