Айылга бара элегиме көп болуптур. Атайын, чоңатам, чоң энем менен учурашып, ал-акыбалын сурапкелейин деп эч кимге айтпай эле айылга баса бердим. Чоң атам эшикте отуруптур. Негедир мени мененкабагы салыңкы учурашты. Ошол учурда сыркоолопжаткан экен. Оюна бир нерсе келип кетти окшойт, мен жакты бир карап: “Сен ким элең? деп сурады. Чоң ата мен Нурпаязмын дегенде гана “тааныбайкалган турбаймынбы” деп кучактап ыйлап жиберди. Менде ушундай бир башкача сезимдер пайда болду. Көзүмө жаш толуп өзүмдү араң кармап турдум. Үйгөкирип “Байыш абаңдан да айрылып калдык” деп эңулуу баласын айтып, көзүнө жаш алып куран окуду. Улуулардын баласын алкап “алдыңа кетейин” дегенинин маанисин эми гана элеп, ата-эне үчүн эңчоң кайгы баласынан айрылуу экенин түшүндүм. Терезеден кичинекей бир баштыгын колуна алып, качаңкы бир мен жайкы каникулда тагынып барганкичинекей бир боосу үзүлгөн саатты алып чыгыпберди. “Сен кеткенден кийин таап алдым” деп, башка неберелери сураса да бербей, атайын, келсе өзүнөберем деп катып жүрүптүр. Андан бери кандай гана окуялар болуп, канча суунун агып кеткени небак, ошол саатты дээрлик 7-8 жыл эч кимге бербей катып жүргөн экен жарыктык…
Ал учурда бул саат чыкылдап иштечү. Мен да саатты улам-улам карап, айылдагы балдарга мактанакөтөрүп жүрчүмүн. Чоң атамдын да алдан-күчтөн тая элек кези. Чоң энем экөө жайлоого чыкчу. Бизбарганда шаардан неберелерим келди депкубанычтары койнуларына батпай өзгөчөкубанышчу. Бүркүт учуп шаңшыган жайлоодо, аскасы асман тиреген тоолордун кучагында, наркнуска менен берекеге толо боз үйдө уктоо өзүнчөбир жан жыргатып, бакытка балкыткан кереметэмеспи.
Дайыма эртең менен ойгонуп, көзүмдү ачсам, күнчыгып, чоң энем сүт тартып отурган болот. Тура калып эле тартылып жаткан сүттүн аздан агыпжаткан каймагына нанды тосо калып жээр элем. Ошол каймактын даамы азыр деле таңдайымдатургандай. Азыркы күнү да андай даамды, ошолучурдагы телегейи тегиз учурду таппасам керек-ов. Көп өтпөй жылкылар желеге айдалып келинчү. Кулундарды кармап, желеге байлоо мага өзгөчөжакчу. Кулундарды чочутпай, алаксып жаткандаакырын барып кармоо этияттыкты, тактыкты талапкылчу. Ал учурда кичинекей болгондуктан мал деле карабайт элек, кечинде гана койлорду айдап келипкороого киргизгенибиз болбосо күнүбүз керээликечке оюн менен өтчү. Түндөсү кыбыр эткендинбаарын алаканга салгандай көрсөтүп ай жарыгытекши тийген кезде оюнга чыгаар элек. Айдын жарыгында ак чөлмөк, сан чапмай, шакек катмайоюдарын ойноп, не бир сонун кызыктуу күндөр өттү. Ойлоп көрсөм, ошол күндөр балалыгымдын алтынгаалмаштыргыс бал даамдуу күндөрү экен.
Конокко бараарда чоң атам менен атка учкашып, кошо барып, жанында көп жүрдүм. Өзү теңдүү жоро-жолдоштору менен курган нускалуу маектерин угупөстүм. Колун артына алып басып баратса, жөн баспайартынан туурап, изи менен басчумун. Жайлоодогукыштоосуна дагы там салам деп бизди ээрчитипалып топурак, таш ташытчу. Ташты жөн жаткызчуэмес, жарыктык. Биз кичинекей болгондуктан бат эле чарчап, иштегибиз келбей жалкоолоно баштагандаэле, “Тимур балам иштин майын чыгара иштечү, эчжаны тынбайт эле” деп, атамды мактап кирчү. “Мени укпай шаарга кетип калбадыбы” деп оор үшкүрүнүпкоёр эле.
Чоң атам ошол жылдын күзүндө акка моюн сунду. Эсимде, “Мен өлсөм өкүрөсүңбү?” дей берчү. Ошолсөздүн маани-маңызын эми аңдап түшүнүп отурам. Көрсө, неберемен топурак буйруса экен дечү экен да. Чоң атам аманатын тапшырганда өзү айткандай эле сөөктүн зыйнатын, калк каадасын кылып өкүрүпкирип, жаназасына туруп, топурак салдым.
Бул боосу үзүлгөн саатты караган сайын чоң атам, чоң энем, айылда жүргөн күндөр, байоо балалыгымкөз алдыма тартылат. Чоң атам бу жарыкты таштап, оо дүйнөгө көчтү, бирок, боосу үзүлгөн саат менименен жүрөт. Ал эзели меники болгону менен чоңатамдан калган таберик болуп калды. Мезгилкарыбайт деген ушул турбайбы…
