“Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик Дирекция менен биргеликте жаш акын-жазуучулардын “Мекенге таазим” адабий фестивалын Бишкекте 2016-жылы 21-22-сентябрда өткөрдү. Соңку 25 жылда эң алгач ирет өткөрүлгөн фестивалга республиканын бардык аймактарынан келген 115 жаш талапкер катышып, адабий жанрларга ылайык 10 секцияда эки күнгө созулган кароо-сынактарга катышты. “Мекенге таазим” фестивалынын алкагында өткөрүлгөн “Жаңы ысымдар” кароосунун жеңүүчүлөрү союздан түзүлгөн калыстар тобу тарабынан аныкталды.
Албетте, “Мекенге таазим” фестивалы мамлекеттик Дирекция жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынып, республикалык маанидеги иш-чаралардын катарына кошулуп тийиштүү акча каражаты бөлүнүп берилип, катышуучулардын демине дем берип, шыгына шык кошту десек болот.
Эки күнгө созулган адабий майрамда абройлуу калыстарды кайдыгер калтырбай, келечекте көптүн үмүтүн актоого татырлык жаш акындардын мыкты деп табылган чыгармаларын басмадан өзүнчө жыйнак кылып чыгаруу демилгеси да колдоого алынды. Бул жыйнакка адабият деген ыйык жайдын астанасын аяр аттап кирген, чыгармачылыкка баш койгон, ыр жазууга ак дилинен чындап дилгирленген, алды бир-эки чакан жыйнактын автору болгон жаш акындардын чыгармалары иргелип алынды.
Биз баарыбыз балалык, өспүрүм куракты басып өтүп, баралга толгонбуз. Жаштык кез өзөндө аккан дайрадай. Адам баласынын бардык жакшы тилектери, жаркын үмүттөрү өмүр бою коштоп жүрөөрү анык. Эсиңден эгерим унутулбайт.
Кимисинин гана чыгармасын окубагын: ак сүтүн эмизген апасына, аскар тоодой бел болоор атасына, ак мектептин босогосун аттаган күндөн баштап терең билим, өрнөктүү тарбия алууга дилгирленткен агай-эжейине ак дилден болгон чоң ыраазылык, кут, береке, ырыскы түшкөн, сан кылымдарды карыткан бийик тоолорго, ичкен сайын моокумуң кандырган, өмүрүңө өмүр улаган көк кашка агын сууга, жаз келер менен көз жоосун алган кооз табиятка суктануу, туулган жерге сагынуу сезими ширетилген ыр саптары, түркмөктөрү баамга урунат.
Тээ, корум таштардын алдынан жылжып чыгып, анан күн нуруна жалт-жулт этип чагылышкан тунук башаттын суусундай ары табигый, ары жөнөкөй ыр саптары бери дегенде мындан элүү жыл мурда өз башымдан кечирген сезим-туйгуга мени кайрадан капилет кабылтканын эгерим жашыргым келбейт.
Кыргыз эли ыр жандуу эл. Дүйнөдө кыргыздан башка эл күйүтүн, өкүтүн, өксүгүн ыр-кошок кылып айттырбайт. Ыр-кунсуз табылга. Ыр-тагдыр. Ыр-көңүлдүн жубар бермети. Ыр-табылбас таберик.
Айтпадымбы, “Мекенге таазим” фестивалынын алкагында “Жаңы ысымдар” кароосунун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн 10 секция иштеди деп. Кароого катышкандын дээрлик көпчүлүгү акындар, болгондо да акын кыз-келиндер эле. Ошондуктан алар төрт секцияга бөлүнүшкөн. Эң кызыгы: төрт секциянын жетекчилери жең ичинен сүйлөшүп алышкансып акын Камчыбекова Лирага баш байгени ыйгаруу сунушун беришти. Болбосо, ар кандай кароо-сынактардын женүүчүлөрүн аныктоодо калыстардын ортосунда ар кандай кайчы пикирлер, талаш-тартыштар болоору белгилүү.
Ак шооласы даарып Лира пиринин,
Алты сөздү курап, ийик ийридим.
Акын дешет, мени чала билгендер,
Акын эмес мен жөн гана,
Арзууларын ырга кошкон,
Ашыктардын биримин!..
Сезимдин көп чекиттери ушинтип башталат. Бул чекиттерде айтылбай калган ой да, көкүрөктү тепчип өткөн муңайым сезим да, табышмак суроолору менен калган тагдыр да, жүрөк өйүгөн арман да, сүйүүгө толгон карек да, кайрылбай кеткен тагдыр да, жол караткан махабат да катылып жаткансыйт. Жашоонун ыры жазылып бүтө элек. Бүтпөйт да… Балким, анын кумары, табышмагы менен жан сыры ушунда чыгаар…
Дүйнөгө, адам жан дүйнөсүнө чекит коюла элек… Ошол чекиттин чексиздигин сөз менен узарткыбыз келет. Ал сөз ырдан куралган. Чынында ар бир сөздүн жаны гана эмес, тагдыры болот окшобойбу. Бул ойго жаш акын Лира Камчыбекованын көп чекит коюлган ырларын окуганда кабылдым. Атына заты жарашкан Лиранын ырларында ар бир сөзү, тыбышы, тыныш белгилери сезимдин тили менен сүйлөп, ыйлап турат. Тагырагы, ал мага тагдырдын ак жаанындай сезилген өзгөчө сезим дүйнөсүндөй туюлду. Ырасында ыр деген сезимдин кыялый канаты. Көкүрөктүн очогунда жанып турган кызыл чок… ал чоктон от да, тап да келет. Ошо чоктун, быкшыган күлдүн ортосунан алоолоп жанып чыккысы келет. Лиранын ырлары ошо туюмду сездирет. Бул ырлар жаш поэзиянын эрте жаздагы ак жааны… Ак жаандын жанга жагымдуу, кулакка угумдуу экенин сезип-туюп, тунгуч китебин бекеринен “Кыялымда кыйбасым” деп атаганына ынанасың да кубанасың.
Ушул китепке тырмак алды чыгармалары чыккан жаш акындарга ак дилден кааларым: Ата-Журтка, адабиятка ак кызмат өтөгөн белдүү аксанатай азаматтардын катарын толуктап, өзүңөр жазгандай Аалыдай, Алыкулдай, Темиркулдай алп акын болушуңарга ак дилимден астейдил тилектешмин. Силердин көкүрөгүңөрдө ыр ышкысы өчпөсүн ылайым!” дейт баш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Тынчтыкбек Нурманбетов.