Казак адабиятынан
Бир ирет күз кечинде
(аңгеме)
Кыязы, жамгыр жаачудай. Асман бүркөк. Былтыр сынган колум сайгылаша баштады. Уютат да уютат. Жүрөгүм айланат. Таза абадан кана жуткум келип кетти. Үстүмө жемпиримди ыргыта салып, сыртка чыктым. Аякта бешик арабадагы наристелери менен Назира жана Марияш отурушуптур. Мен аларга келип кошулдум.
–Чылым чексем эчтеке эмеспи?
–Чеге бер, – деди Марияш, – баары бир машиналардын түтүнүн дем алыбатабыз!
Мен сигаретимди күйгүзүп, терең сордум да, түтүндү тескери карай үйлөп койдум. Корообузда балдар арбын. Ызы-чуу. Күрү-күү. Эгер көпкө отуруп сырттан абай салсаң, жогеле дегенде бир жылмайта, атургай боорду эзе каткырта турган бирдемеге күбө болосуң. А кээде өз көзүң менен көргөнүңө төбө чачың тик турат.
–Бүгүн Жанна келдиби?
–Жок, көрүнбөдү, – деди Марияш. – Кийинки кездерде мен бу кыздан чочуй баштадым. Аны көрөрүм менен колу-буттарым муздап, титирей баштайт.
–Э койчу ай, ал болгону беш жашар бала эмеспи.
–Мейли анда, биз кеттик үйгө, – деди Назира ордунан туруп жатып.
–Макул, жакшы баргыла, – дедим мен анын артынан. Ал күйөөсүн менден кызганат. Келишкен мыкты азамат ушундай шалтуруктун торуна кантип түшүп калды экен? Түшүнүксүз.
–Кичинекейи го кичине, бирок… кечээ алар Аскат менен бадал артына кирип кетишиптир. Бир аздан кийин эмне болду деп барып карасам, кучакташып жатышат. Эмне кыларымды да билбей калдым.
–Кандайча «жатышат»?
–Кадимкидей эле жатышат. Кучакташып алып. Биздики го али эси кирелек. А Жанна аны жерге басып алыптыр. Анан дагы жыттап-жыттап коёт.
–Анан сен эмне кылдың?
–Тургула, суук тийип калат деп тургузуп койдум.
Марияштын өңү кубарып, токтоп калды. Мен да кызык боло түштүм.
–Эми эмне кылайын дейсиң?
–Жаннанын чоң атасы же чоң энеси менен сүйлөшүп көрүш керек.
–Эмне, кыздын ата-энеси жокпу?
–Энеси бар. Бирок чоң ата, чоң энеси багып жүрүшөт.
–Кызык, – дедим мен, – кызык экен. Мүмкүн, кичине басып келербиз?
–Жок, анте албайм, Аскатты карап турбаса болбойт.
Ал аркы четтеги кум үстүндө үй салып ойноп отурган баласы жакка башын жаңсап койду. Томпойгон бала эриндерин бек кысып, өзү менен өзү сүйлөшүп атат. Баёо балалык…
Мен тура жөнөдүм. Жамгыр сөзсүз болот. Үй алдындагы гүлзарды айланып өтүп, көчөгө чыктым. Кадам сайын – жайкы кафелер. Эл толтура. Мен бир бөлмөлүү батирде турам. Миллион киши жашаган чоң шаарда жалгыз калуу кандай оор, демек, адам адамга калка болбойт тура.
Короого кайтып келсем, ал жакта эч ким калбаптыр. Жаан себелей баштады. Мен үйгө карай ашыктым. Тепкичке кирдим. Мурдума мышыктын ачуу заарасынын жыты урунду. Караңгыда кимдир бирөөнүн карааны жылт этип, капилеттен чочуп алдым.
–Жанна, бул сенсиңби?
Бул ат менин оозумдан кантип чыгып кеткенин билбей калдым. «Кайдагы Жанна, келесоо десе» деп ойлогуча кыздын назик үнү чыкты:
–Ооба.
Анын жанынан өтө берип, эч нерсе болбогондой суроо салдым:
–Эмне турасың? Сени, балким, чоң апаң издеп жаткандыр.
А өзүм болсо эмнегедир чочулап турдум.
Мен Жаннаны бир-эки ирет алыстан көргөн элем, бирок аны менен эч качан сүйлөшкөн эмесмин. Беш жашар бала менен эмнени сүйлөшмөк элең? Атургай ага ким деген көңүл бурмак эле. Болгону Марияштын жанагы айтканы гана эсимде…
–Издебейт. Алар конокко кетишкен.
–А өзүң эмнеге үйүңө барбай жүрөсүң?
–Ачкычты жоготуп алдым. Сиздикинде отуруп турсам болобу?
–Кааласаң, жүрү.
Бул сөз оозумдан кантип чыгып кеткенин билбейм. Ал менин эркимди бийлеп алгандай.
Кыз шырп чыгарбай менин артымдан келе жатты.
–Суу болгон жоксуңбу? Көчөдө жаан жаап жатат го.
–Жок.
–А мен өтмө катар суу болдум. Азыр чай ичебиз.
Мен мешке чай коюп, чачтарымды сүлгү менен аарчып кургаттым. Жанна бурчтагы креслого тыпыйып отуруп, унчукпады.
Мен анын алдына тизелей отуруп, колдорун колума алдым. Ал мени суроолуу караган көздөрүн ала качты. Мен анын чачтарын сылап, саамай чачын көтөрүп койдум. Чачтары калың. А өзү болсо ушунчалык арык. Ушунчалык арыктыгынан анын жаны кай жеринде кармалып турганын да билбейсиң. Анын жоон өрүлгөн чачтары денесинен чоң сыяктуу көрүнөт.
–Чыныңды айтчы, ылдый жакта эмне кылып атты элең?
Ал башын жерге салаңдатты. Ак жуумал жүзүн кызыл чалды. Бир топто барып мен анын ыйлап жатканын баамдадым.
–Мен Аскатты сүйөм, – деди ал капыстан. Көзүнүн жашы тынымсыз куюла берди.
–Бөбөктай, ал деген беш жашар бала да! А сен канчага чыктың?
–Алтыга, – деп шыбырай жооп узатты ал.
–Силер азыр кичинекейсиңер да…
–Мен аны өзүмө алгым келет…
–Каякка? Анын атасы, энеси бар эмеспи. Эгер аны алып кетсең алар ыйлашат да…
–Ооба, бирок…
Мен чайнектин ышкырып кайнай баштаганын угуп, ордумдан турдум.
–Жүрү чай ичели. Азыр мен кийинип чыга калайын.
Шкафтан кийимдеримди алып, бат-баттан кийине баштадым. Мен анын ар бир кыймылымды кызыга карап турганын туйдум, бирок анысын байкамаксан болуп койдум.
–Сени чоң ата, чоң энең издеп жатышкан чыгаар.
–Издешпейт. Алар конокко кетишкен, – деп кайталады ишенимдүү.
Биз жарыкты жандырбастан отурдук. Караңгыда анын назик жүзү агарып көрүнүп турду… Мен аз жерден: «Вино ичесиңби?» деп айтып ийе жаздадым, бирок убагында токтоп калдым.
–Эмне үчүн момпо жебей атасың?
–Мага болбойт.
–Андай болсо нанга майдан сүйкөп же.
Ал башын чайкады.
–Мен Аскатка кат жаздым.
–Ооба, билем. Апасы айткан…
–Сиз анын апасы менен доссузбу?
–Дос эмесмин, бирок сүйлөшүп калабыз.
–Ал мен тууралуу эмне дейт?
–Билбейм. Силер азыр кичинекейсиңер, чоңойгондо достошсоңор жакшы болот деп калат.
Ал оор улутунуп алды.
–Силердин үй телефонуңар барбы? Саат он болуп калды. Сени издешет да.
–Ооба, – деди ал. – Мен кетейин.
–Жүрү, мен сени узатып коёюн.
Ал кайрадан башын чайкады.
–Өзүм эле…
Мен ага көнгөн жокмун. Биз көчөгө чыктык. Анын үйү көчөнүн аркы бетинде эле. Ал өзүнүн арык, ичке манжалары менен колумду секин кармап келатты. Кеп-кенедей наристе. Мен анын манжаларын кысып койдум, бирок ал жооп кайтарбады – сууга түшкөн чычкандай башын салаңдатып келатты.
–Кайсы кире бериште турасыңар?
Ал ортоңкусун көрсөттү.
–Мындан ары өзүм эле кетем.
–Кел, жеткирип коёюн.
–Кереги жок, эжеке.
Анын үнү ушунчалык жалынгандай чыккандыктан, анын колун дароо бошоттум. Ал караңгы кире беришке жылт койду. Андан кийин аны кезиктирген жокмун.
Кийинчерээк мен ал үйдө эч кандай Жанна аттуу кыз жашабай тургандыгын билдим.
Ал ушу чоң калаанын кайсы жеринде жүрдү экен? Дагын деле Аскатты сүйөбү? Эмнеге келди, кайда житип жоголду? Жалгыздыкты жандос кылган кеп-кенедей кыз – элес.
Которгон: Капар Токтошов