Котормо

Кытай акыны Цао Шуйдун ырлары кыргыз котормосунда

 

 ЦАО  ШУЙ (Кытай Эл Республикасы)

                             Которгон – Алтынай Темирова

 

Цао Шуй учурдагы заманбап кытай адабиятынын эң белгилүү инсаны. Акын, прозаик, сценарист  жана котормочу. “Улуу поэзия Манифестинде” кытай адабиятын батыш менен чыгыш, байыркы менен бүгүнкү,  руханий жана светтик маданият менен бириктирүүгө умтулган.

2008-ж. Тибет менен Синьцзянды Евразиянын, же дүйнө  борбору деп атап, саякаттайт. Цао Шуйдун жарык көргөн кырк китебинин ону ыр жыйнактары, төртөө эссе, ону романдар, жыйырма жомок, төртөө котормолор жана жүз сериялуу телесериалдары, фильмдери бар. Көптөгөн  адабий сыйлыктардын ээси.

Чыгармалары  жыйырмадан ашык тилдерге которулган. Көптөгөн  эл аралык фестивалдардын катышуучусу. Кытай жазуучулар ассоциациясынын, Кытай киноассоциациясынын жана Кытай поэтикалык коомунун мүчөсү. Great Poetry журналынын башкы редактору,  World Poetry журналынын орун басары, Боао Эл аралык поэзия фестивалынын генералдык секретары жана “Жибек Жолу” Эл аралык поэзия фестивалында президенттин ордун аткаруучу. Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) Улуттук координатору.

 

 

      ХАНЗААДА ИЛБИРС

 

Куйрук учу типтик өйдө түйүлүп,

Оюулары – чоку өңдөнөт ак карлуу,

Курч тырмагы алмаз жылдыздай күйүп,

Күркүрөшү күндөй бороон-чапкындуу.

Оо, бир жылы чыкканда так алдымдан,

Жан-дүйнөмө жаркырап бир нур чачкан,

Оттой жанган көздөрүнөн көз албай,

Жырткычтардын ханзаадасы нес кылган.

Болсо ал эгер, бул мейкинде падыша:

Командири – өжөр, эр топоз балким,

Тибет жейрени – көрөгөч министр,

Куландары – ыйык сопулар анда,

Ак пейилдүү марал-бугу – кечилдер,

Кызыл чаңдын арасынан өзүң көр.

А бөрүлөр түзүшкөн армияны,

Үкүлөрү – түнкү желдет, ойлоп көр.

Ашык-карып – кара моюн каркыра,

Күрөң аюу – көз боочуга айлана,

Бүркүт менен шумкарлары – көк ээси,

Кар куштары – Кудай бергендей өзү.

Капчыгайда, Янцзы дайра аккан текши,

Капыс биздин төрт көзүбүз тиктешти.

Жылдар өттү, дале селт деп эстеймин.

Неге жашым токтолбой эч төгөмүн?

Мен – убакыт, мейкиндик туткунумун.

Сени – эркиндик падышасы көрөмүн.

 

 

          КАРЛУУ  ӨЛКӨДӨ

 

Бурганактап кар тоолорду каптады.

Ат үстүндө көктө-жерде сызчудай

Каткырабыз, шамал коштогон аны.

Эриндериң роза гүлдөй албырып,

Менин чачым көөдөй кап-кара дагы.

Биз кездешкен дайранын эки жээги,

Эки башка жашоодой карайм аны.

Сепил ичи, сыртынан да көз салып,

Эки башка дүйнөдөй сынашканы.

Капысынан эс-учтан тана жаздап

Сүйүү, жек көрүү даамынан татканы

Колубузду бир-бирибизге создук,

Көз ирмемде кубанч, кайгы каптады.

Аяз, муздун жүрөгү турду кагып,

Манжалардын учу гана кармалуу,

Баратабыз жөн гана басып чогуу,

Карлуу өлкөдө. Бул күн да чын өтөрү,

Күн чыккандан батканынча өлчөлүү.

Ойгонгондо, баары бүтөт,

Өмүр бою – эске түшөт.

 

 

УЛУУ КАЙГЫ БИЙИ

 

Сен сахнанын ортосунда турасың,

чөктүрүп тегеректи терең кайгыга.

Коштойт бирөө көшөгөдөн арыда

аза музыкасын чала;

анда бийлейт кимдир-бирөө артыңда,

сен гана ыйлап батуудасың кайгыга.

 

Ал сахна – Азия континенти ортосунда

сен Памир түздүгүндө ыйлоодосуң.

Адамдар келип жатат туш тарапта:

азиялыктар чалып аза музыкасын,

европалыктар бийлейт ага кошула.

Сен турасың каалап ажал башыңа.

 

Сен жөнөкөй эле бир жансың,

эч ким бирок каалабастай аныңды.

Алар ырдайт, бийлей берет сен үчүн

жардам кыла жеңишиңе кайгыны.

Үзүлбөсүн үчүн сенин үмүтүң,

бу жарыкта бүткөнчө сүрүп күнүң.

Бир аз гана сөз кылышат да кетет,

башкалардын азасын тең бөлүү үчүн.

 

 

ХАНБИЙКЕ БЛЮНУН СЫРДУУ ШААРЫ

 

Цянцин сарайында арткы эшиктен

чыкты жигит сары кийимчен.

Ханбийке Блю келди Куньин дарбазасына,

жашыруун жолукмак экөө Цзяотай сарайында.

Көгүш туман көккө сиңип жок болууда,

айлуу түндүн боёгу бар анда.

Көк такыяң жаркырап куп жарашкан.

Жерге далың таяп көктү карайсың.

Жер менен Көк ортосунда калкыйсың.

 

Чатырындабыз Цзяотай сарайынын

сол жагыбызда Күн жылат акырын,

а оң жакта Ай аста учуп баратат,

биздин колдо чоң берметтер жаркырайт.

 

 

ОН ЭКИ ЖАШЫ АПАМДЫН

 

Апам келди Пекинге небересин көргөнү,

алпардым Цяньмэнь, Тяньаньмэнге,

кыдырттым Хоухай, Шичахайды.

Эч бир сөз мага айтпады,

киргенде кийим дүкөнгө,

көз жүгүртүп карады,

айымдар сындуу каадалуу:

кийимдер көрктүү жагары,

белгилүү го, мен гана

он эки жашар жаш кыздай

көрө берем апамды,

гүлдөгөн адыр бетинде

кубанып жаңы көйнөккө

чуркаган жыргап өзүнчө.

Чоң энем капыс дүйнөдөн,

өткөнү кийим кийбеген,

инилерин ирдеген

Цао Шуй, Цао Си деген.

Окутуп ошол экөөнү

Цао Си илим доктору,

Цао Шуй окуп Пекинде

устат билим кенинде.

Көңүлү эми жайлана

тандады көйнөк жай гана,

көзүмө жаш айлана

окшоттум дале жаш кызга.

 

             Которгон – Алтынай Темирова

 

About the author

Жазуучулар Союзу