Дасмия

Кыргыздар 9-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев

КЫРГЫЗДАР

Кырк томдук

9-ТОМ

Илимий макалалар

Түзгөндөр: Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Томдукта эл оозунда уламышка айланган инсандар менен бирге эле калкыбызга ак кызмат өтөгөн маданият, адабият, илим-билим, кино өнөрү жана элдик музыка тармагындагы белгилүү адамдар тууралуу маалыматтар топтоштурулду. Алардын катарында кыргыз айымдарына байланышкан айрым макалалар да бар.

АКЫЛМАНДАР

Кыргыздар насилинен акылман жана жоокер калк. Аалам, жашоо-тиричилик, элге насаат, осуят айткан, көңүлүн эргитип, оюн байыткан, ниет-тилегин тазарткан, адамды ак жолго салган жана улуттун байыркы рухий маданиятын негиздеген, өнүктүргөн улуу хандары, кол башчылары, акыл кошчу аксакалдары, айкөл баатырлары, акылмандары, көсөмдөрү, даанышмандары, чечендери, сынчылары, акындары, санжырачылары, олуялары, көзү ачыктары, сээрчилери, бакшылары, ырчылары, табыпчылары, төлгөчүлөрү, чеберлери болгон. Алардын сөздөрү элдин, Теңир, теңирчилик, ата-бабанын арбагын сыйлоо парзы жөнүндө, заман, элдин тарыхы, нарк-салты, пейил-куну, адамдын адеп-ахлагы, ыйманы, сүрү, зээн дери, тагдыры, келечеги, тарбиясы, турмуш сабагы жөнүндө ыр менен да, кара сөз менен да куюлуштуруп, адамды ынандырып, жанын безеп накыл айтышкан. Алар элден чыккан жана элге кадырлуу, сыйлуу адамдар эле. Алардын кээ бирлеринин гана элдик аңызда, санжырада, уламышта, оозеки чыгармаларда, таш бетиндеги жазууларда ысмы калды. Көпчүлүгүнүн аты тумтак унутулду. Алардын чыгармалары, байыркы бабаларыбыздын тарыхта калган издери, накыл сөздөрү орток мураска айланып кала берди.

АСАН КАЙГЫ

Кыргыздардын эски санжырасында айтылуу, касиеттүү түп атабыз Ыстамдын уулу Кыркез сегиз уулдуу болот. Анын сегиз баласы төрттөн уул күтөт. Кыркез 32 небересин көрөт. Мындай өрөлгө-жөрөлгө энесайлык кыргыздардыкы эле. Ошентип, Кыркездин тукуму көбөйүп, эли өсөт. Ай арылап, жыл чиркелип, күн өтүп, мезгил уланып, бая Кыркез элдин аты унутулуп, бара-бара «кыргыз» болуп аталып кетет. Кыргыздардын хандык доорлору ошол кезден башталат.

Кыркездин сегиз баласынын экөөнүн аты Акыл, Асан болуптур. Кыргыз санжырасы боюнча боолголосок, акын, ойчул Асан Кайгы Энесай дооруна чейин эле чыккан окшойт. Ар кылымда кыргыздарда эки Токтогул акын болгон сыңары, XIV–XV кылымдарда дагы аты уйкаш Асан Кайгы акын, чечен болушу да ыктымал. Же байыркы акын, ойчул Асан Кайгыны кийинки доорго сүрүштүрүп жүргөн дүрбүз? Неси болсо да, Асан Кайгы акын, философтун өмүрү эл оозунда, санжырада жана тарыхта буга чейин кандай айтылып жүрсө, ошондой кеп кылганды ылайык таптык.

Кыргыз санжырасында айтылганда, укум-тукуму өскөн Ыстам Акылды өз элине башчы кылып, ага Кыркездин карагай белгисин берет. Кичүү уулу Асанга өнөрүң менен элиңди кор кылбай бак деп жадааташын калтырып көзү өткөн экен.

Өз энчисин алган Акыл Эдил боюнда ордо салдырып жашаптыр. Бир жылы 72 уруу журтту чакырып, санжыргалуу той берет. Ошондо калың кара тойго Асан чакырылса да келбей коёт.

Акылдын өрүшүндө мал батпайт, өргөөсүндө дүнүйө үйүлөт, сасык бай атка конот. Дардаң неме ордону унутуп, куш салып, тайган агытып, ак үй жасатып, Эдилдин Элик тоосунда чардайт. Кутуруп, кырк уруудан кырк катын алат.

Агасы Акылдын бу тоюна да Асан көсөм келбей коюптур. Бир жолу Акыл алапкө кулаалы таптап ак кууну алдырганга чоң той берген экен. Буга да чакырса Асан Кайгы басып келбейт. Арына келген Акыл жинденип:

«Аксакалы мен турсам, Ал мени көзгө илбеди. Эл чакырып той берсем, Бирине да келбеди.

Чыр чыгарса басынтып, Акмакты башка салайын.

Ага дагы көнбөсө,

Жадааташ тартып алайын», –

деп иниси Асан Кайгыны чакыртып, атайы кабарчы чаптырат.

Асан Кайгы ары ойлоп-бери ойлоп, акыры Акылдын астына келет.

  • Эл чакырып той берсем, эмнеге келбедиң? – дейт Акыл каарданып.

Ошондогу Асан Кайгынын агасына берген жообу:

  • Ата, энчи Эдилге элдин эсебинен бекер ордо салдың, ошол ордоңо жер дүңгүрөтүп той бердиң. Сенин көзүң өтсө, баягы акысыз бекер кыш койгондор кышын, таш койгондор ташын бирден сууруп көтөрүп кетсе, ордоң каңгырап ээн каларын ойлободуң, мен ошо ордого берген тоюңа келбедим. Сен Эдилге салган ак ордоңду чанып, эриктим деп ак үй жасатып, кырк катын алып кутурдуң, журтуңдун малын чачып, үлпөт курдуң. Элиңден намыс, каада, биримдик качты. А сенин көзүң өткөндө кырк катының ордоңу чачып, элиңди алыс кыларын дегеле ойлоп көрбөдүң, мен ошол опсуз тоюңа келбедим. Эл ичинде азгын-тозгун, карып-мискин, бей-бечаранын көбөйгөнүн көрбөй, жеке башың эркиндикте куш таптап саятчы болуп, элди дүрбөтүп куш салдың, ак-караны бир карабай, ак кууну алдырдың, нарк сактабай элге шылдың кылдың, мына ушуга той бердиң. Арданбай берген тоюңа жана дагы келбедим. Анан кайсы менин күнөөм, боорум…

Асан Кайгынын чукугандай тапкан кебине Акыл кеп жебес ушу жолу муюп, башын жерге салыптыр.

Асан Кайгы дагы агасына накыл салган экен:

«Ай айланып, жыл жылып, Убакыт өтүп баратат.

Арманы бүтпөй бенденин, Ачынтып кемтик жашытат.

Аккан дайра түбүндө,

Агызалбай таш калат.

Эки бакыр, бир тукур, Бири-бирин аксатат.

Адамзаттан урпакка, Мурас дүйнө жер калат. Айтканымды эп көрсөң, Эдилге көчүп конолу. Оңой колго келбеген, Ээн таштап аны койбойлу. Эч болбосо ал жерден,

Адам үзбөй коргойлу».

Зили Акыл инисинин акылына көнүп, элин Эдилге көчүрүп, салдырган ордосун ээлеп, инисин кеңешчи кылып жанына алат. Арадан көп өтпөй Акыл а дүйнө сапарына аттанат.

Ал эми XIV–XV кылымдардагы Асан Кайгы жөнүндө санжырадагы, уламыштагы жана жазма тарыхтагы баян мурдагысынын эле уландысы сыяктуу айтылып кете берет.

Уламышта, Асан Кайгы ойчул акындын өмүрү кыргыз, казак жана башка Орто Азиядагы, Сибирдеги түрк урууларына XIV кылымда Алтын Ордону Жаныбек хан бийлеп турган катаал доорго туш келет. Ошол кезде кыргыздардын сол канатын саруудан чыккан Байгара, кушчудан чыккан Жамбул бий бийлейт. Оңду Долон бийлеп турат. Асан Кайгыны кара калпактар да, казактар да өз акындарындай көрүшөт. Буга ичи тардыктын жана талашуунун кереги жоктур. Алтын Ордону (XIII–XV кк.) курган көп уруу эл болгон, бул кезде түрк урууларынын рухий маданияты жана илими бир кыйла өсүп калган, ар уруудан атактуу адамдар чыккан. Ал учурда элчилик каттар гана моңгол тилинде жазылса да, түрк уруулары көбүнесе чагатай тилинде (кыпчак-огуз диалектисинде) жазып, сүйлөшкөн.

Ак сарайды тегеректеген төбөлдөр той үстүндө чардап, мыкты жашаган. Кыргыздардын бийлери, бектери, байлары башка элдердин эмирлерине салык төлөп, көз каранды болуп, элдин камын ойлобой бийликке да, байлыкка да жана эркиндикке жетпей, чүнчүп турган.

Асан Кайгы колунда барларды мактап, олжого тунайын, муратыма жетейин дегенди көксөбөгөн, дүр-дүнүйөгө алданбаган, касиет күткөн, көзү ачык адам болгон. Ал кыргыз, казак, кара калпак, чагатай тилин, ыр-күүлөрүн мыкты билген, комуз, домбура черткен, түрк элдердин ичинде кеңири таанымал эле. Асан Кайгы уруулардын биримдиктүү болушун, күчтүү мамлекет курушун эңс еген.

Асан Кайгынын чыгармасында исламчыл сопу акындардын таасири болсо да, Теңирчилик нарк, осуятын бек тутканы байкалып турат. Ал жер, көк, табият, адамзат, жан-жаныбар, адам тагдыры, адамкерчилик, адам парзы, зулумдук ж.б. жөнүндө салттуу накта даанышман сөздөрдү, акылмандык менен ырдаган. Анын ырларынан ошол доордун коомдук-социалдык элесин, белгилүү тарыхый окуяларды жана философиялык көз караштарды билебиз.

Асан Кайгы өзүнүн убарлаш, тагдырлаштары жөнүндө моминтип кейиген:

«Суук түшүп кыш болду, Суулар тоңуп муз болду.

Оокат кыларга эри жок,

Отун аларга эби жок, Чапаны жыртык, жеңи жок, Жесир байкуш кантти экен?

Алдейлерге эне жок

Асыраган ата жок,

Жетим байкуш кантти экен?

Жармач эле малы жок,

Жамынарга жабуу жок, Актап ичер таруу жок, Жарды байкуш кантти экен?

Балдары үшүп бүжүрөп,

Же ичерге тамак жок, Жагарына отун жок,

Мискин байкуш кантти экен?

Заманасы куурулуп,

Тозок отун көргөн чыгар,

Толгонуп ыйлап жүргөн чыгар».

Асан Кайгынын жеке турмушу жөнүндө ырларында эч кабар жок. Ал жөнүндө эл оозунда аңыздар калган. Асан жаш кезинде перинин кызына ашык болуп, ошонун зарын тарткан деген кеп бар. Кайгы, көптөн көңүл калуу сыяктуу турмуштун оор сабагы көкүрөгү зирек кыялкеч акынды акылмандыктын жолуна салган көрүнөт.

Уламышта Асан Кайгынын өзүн тарткан ойчул, чечен Төлөн деген уулу болуптур.

Бир жолу Жаныбек хан Асан Кайгыга тийиштик кылып, сынамакка сураган экен:

  • Олуя, чеченим, бу дүйнөдө мал дебей турган адам бо лобу?
  • Төлөн мырза мал дебейт, – деп айтыптыр Асан Кайгы.

Хан Асан Кайгынын сөзүн бышыкташ үчүн уулу Төлөнгө эки жигит жиберет.

  • Баргыла да, Төлөндүн эки туу бээсин жайдак минип, кара терге түшүрүп чапкылап, карпа-курпа Төлөн дүн астынан чыккыла. Ошондо анын мал дебегенин көрөйүн,– дейт Жаныбек.

Жигиттер Жаныбек айткандай, Төлөндүн алдынан чыгат.

  • Ээй, жигиттер, кара жаныңарды аясаңар боло, алдыңарга жок дегенде тердик салып минсеңер болбойбу, жайдак экенсиңер, көчүгүңөр жоорубайбы деген экен.

Жигиттер Төлөндүн жоругун ханга айтып келишет.

Жаныбек дагы бир жолу Асан Кайгыны чакырат.

  • Чеченим, алдынан кокус миң кол жоо чыкса, жалтанбай качырган азамат болобу? – дейт.

Асан Кайгы дагы жооп айтат:

  • Андай азамат – Төлөн мырза.

Жаныбек кежир миң колду Төлөнгө жиберет. Миң кол капыстан Төлөнгө кол салат. Төлөн эч нерседен жалтанбай, качпай найза кармап, эрөөлгө чыгат.

Жаныбек хан Төлөндү суракка алыптыр:

  • Төлөн мырза, малга үйрүлүп түшпөгөнүң эмнең? – дейт хан.
  • Мал дегениң, көп дүнүйөдөй азгырык. Бери караса
  • маңдайы ысык, нары караса – соорусу суук, кыйкырса – жоо алат, ышкырса – жут алат, малдын эмнесине азгырылайын да, эмнесине кайгырайын, андан көрө эразаматтын көңүлү калбасын, ханым.

Хан дагы собол салат:

  • Миң колду жалтанбай кантип каршы алдың?
  • Ажалы жетсе, тактан деле өлөт, өлүм бир кишиден. Ажалы жетпесе, миң киши деле өлтүрө албас. Ок жолу – ичке, ажал – каш-кабактын ортосунда, качкан аман калып, качырган өлөрүн ким билиптир. Тагдырдын жазмышынан эч ким кутулбас.

Хан Жаныбек жүйөлүү сөзгө баш ийиптир.

Алтын Ордонун акыркы хандары Асан Кайгыны Сарайга ырчы, акылчы, сынчы кылып алгысы келген. Асан Кайгы хан сарайга көндү. Андан бат эле көңүлү калды. А бирок Асан Кайгы карөзгөй Жаныбек ханды сындап, ырайымсыздыгын ашкерелеген. Жаныбек ханды баласы өлтүргөнүнө караганда Асан Кайгынын көрөгөчтүгү байкалып турат:

«Эй, хан, мен айтпасам билбейсиң, Айтканыма көнбөйсүң. Чабылып жаткан калкың бар, Аймагын көздөп көрбөйсүң. Кымыз ичип кызарып, Мас болуп кызып тердейсиң.

Өзүңдөн башка жан жоктой

Элирип неге сүйлөйсүң» – деген Асан Кайгы Жаныбек ханга.

Асан Кайгы элдин камын ойлогон, жүрөгү муңга батып, адамдарды, макулуктарды аяган боорукер акын болгон. Ошондуктан замандаштары «кайгы» деген сөздү кошуп айткан. Картайганда Асан ата деп эл атаган акындын көп нуска сөзү, осуяты калк ичинде макал-лакап болуп кеткен.

Эгер элден ынтымак кетсе, сөздүн баркы жоголсо, кор болсо, эл башына кайгы түнөп, ынтымагы ыдыраса, жооң жонго чаап жобурап, башка караңгы мүшкүл түшүп турса, Асан Кайгы:

«Тоз-тоз болуп кетерсиң,

Айлаңды таппай жашыңа,

Тоо, токой болор конушуң, Мындай заман туш болсо, Кыйын болор оңушуң. Аргымактан жал кетер, Азаматтан ал кетер.

Азган журтуң не этер?

Асан Кайгы карыяң Желмаян минип жер кезер» –деп айткан экен акыркы жылдары.

Асан Кайгы акындын бакшылыгы да бар эле. Анын акыркы жылдары көздөп алган бир максаты болгон. Ал «Ыйык жер» деген икаяны ыр менен жазган. Ал дастан жалаң акыл-насаат болгон соң, бара-бара эл ичине үзүндү болуп бөлүнүп, акырында накыл сөз, санат ырлары, макал-ылакаптар болуп айтылып кеткен. «Бу жашоотирүүлүк мынчалык кызык, аянычтуу жана ыйык болгон соң, неге Ыйык жер болбосун, муну табыш керек» деген акын. Ал ыйык жерди чындап эле адам баласына сепил, малга корук, чөбү шүйшүн, суусу мол, көйкап жер-конушту издеген. Ал жер бейиштегидей, эли бейкут, бардар, ырыс туу жашайт, бардыгы тең шатыра-шатман көңүлдүү өмүр сүрүшөт, талаш-тартыш жок, токпейил эл болот. Асан Кайгы ушундай жер бар экенине биротоло ишенген. «Кой үстүндө торгой жумурткалаган» жерди табыш кыйын эле. Ал жөн адамга көрүнбөйт деген уламышта, дини, дили таза адамга гана ыйыктын дарбазасы ачылмак. Ошон үчүн Асан Кайгы Теңирге тайынып, арбактарга сыйынып, сүкүт салып тазаланып, аны табууга жан аракет жасаган.

Асан Кайгынын тилеги бутпарастардын да акылмандары (VI к.), дин устаттары Шамбаладай бейиш жерлердин бар экенин издешкен ишенимине дал келет. Балким, өз доорунун билимдүү, таланттуу жана акылман адамы чыгыш акылмандарынын рухий дүйнөсү менен кабардар болгондур.

Асан Кайгы шүдүңгүттү минип, төгөрөктүн төрт бур чун, Алтай-Энесайдан, Эдилден, Теңир тоого чейин, далай күн, далай жыл жер безип, чындап эле Ыйык жерди издеген.

Акырында, Асан Кайгы Ала-Тоого келип, ак булут баскан туу чокудан сагынган, киндик каны тамган ЫсыкКөлдү төбөсүнөн көрүп, а дүйнө узаган дейт. Өзүнүн керези боюнча сөөгү Ысык-Көл жээгине коюлган экен.

Көйкашка Асан Кайгы адамзат пендесинин кайгысын жонуна арта салып, кылымдан кылымга өтүп, убара тарткан кербен сыяктанат. Неси болсо да, Асан Кайгы акын, акылмандын өмүрү эл оозундагы санжырада жана жазма тарыхта буга чейин кандай айгине айтылып жүрсө, ошондой ыба карап, жылуу сөз менен эскерүүгө, изилдөөгө, сыймыктанууга та тыктуу.

Кенеш ЖУСУПОВ

 

КАЛЫГУЛ (1)

XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон акын – Калыгул Бай уулу. Ал чыгармалары бүт болбосо да, кээ бир нускалары менен өз атында сакталган кыргыздын эң туңгуч акыны эсептелет. Көркөм сөз искусствосунда ага чейин биздин кыргыз элинде болгон акын менен чечендердин же ырчылардын аттары аталган менен алардын алгылыктуу чыгармалары жок, эгер бар болсо да өтө аз санда жана алардын да авторлугу кээде бири-бирине оошо берет, а түгүл кайсы мезгилдерден туулуп, жашагандыктары жөнүндө жарытымдуу даректер да жок. Мисалы, Калыгулга че йинки көркөм сөздө өнөрпоз Асан Кайгынын, Санчы сынчынын, Жээренче чечендин дагы башкалардын аттары менен чыгармалары реалдуулуктан көрө легендага жакыныраак.

Белгилүү фольклорист Ыбырай Абдыракманов атактуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун Калыгул жөнүндө төмөнкү лөрдү айтканын жазып калтырган:

«Калыгул акын кыргыз акындарынын атасы эсептелет. Андан мурда эл-журтка маалим ырлары сакталбаган биринчи кыргыз акынын уга албадык».

Калыгул (оң бетинде калы болгондуктан ушундай ат коюшкан) 1785-жылы (эскиче жылан жылында) түндүк кыргызынын сарбагыш уруусундагы букаралашып кеткен манап насилинен туулган. Атасы Бай деген киши орто чарба, чоң атасы Дөөлөт кедей болгон. Жалпы жонунан сарбагыш уруусундагы «Надырбек уулдары» дешкен.

Калыгул жети жашка келгенде бардык арка кыргызындай эле окуу билбестен, азык уруусундагы Сопу ата дегенден намаз окууну үйрөнгөн. Анын диний окуусу ушуну менен чектелген. Ушуга байланыштуу анын чыгармаларында диний көз караштар элементтер катарында гана кезигет. Диний кат-сабаты болбогон. Себеби ал туулган жана эр жеткен мезгилде кыргыз арасында диний көз караштар анчалык канат жая албаган, диний мектептер жок болгондугуна байланыштуу диний окуулар да өтө сейрек боло тургандыгын тарыхый маалыматтар далилдейт.

Анын жаш кези «жоокерчилик заманы» деп аталган мезгилге туш келген. Калыгулдун ушул мезгилине байланыштуу ал жөнүндө XIX кылымдын аяк ченинде маалыматтар жыйнап, чыгармаларына өзүнчө иликтөө жүр гүзгөн Белек Солтоноев мындайча жазат:

«Баланы жаш чагынан жоо бетин көрсөтүп машыктыруу кыргызда илгертен берки адеп болуп калгандыктан, жети жашар Калыгулду жакын тууганы Эсенгул Болот уулу казактар менен болгон жортуулга ала барган. Эсенгулдардын казактарды аябай өлтүрүп жатканын көрүп, Калыгул мындай деген имиш: «Кишини киши аябастан, боору оорубастан ошончолук дагы койдон бетер кырабы? Мындай болорун билгенде келбейт элем!» дегенде Эсенгул: «Карыш, жаагыңды бас! Бала баладай болучу, башыңды жуткур!» дегенде Калыгул унчуга албай калган. Үйүнө келгенде: «Элдин кылган иши курусун» – деп кара чарбанын аркасында болуп, элге аралашпастан өскөн. Катын алып, үйлөнгөндөн кийин таман акы, маңдай тери менен жан сактап жүргөн. Манаптардын кылыгы, иштеген зу лумдугуна эң нааразы болгон.

1815–1821-жылдар арасында солто менен сарбагыш кыргыздары урушуп, сарбагыш жеңилип быт-чыт болуп качкан. «Ушу урушка жүргүн» – деп сарбагыштар келсе, «Эки агайиндин урушу эмес, казак-кыргыздын урушуна балалык менен баргамын, бул урушуңарга барбаймын» деп Калыгул үйүндө кала берген дейт.

Түн жак кыргызында атактуу кан соргуч залим сарбагыш кыргызынан хан катарында болуп турган Ормон Ниязбек уулу болгон. Ормондун эл жегендигине, адилетсиз суракка ыраазы болбостон 1825–1853-жылдары Калыгул айылы менен бугу (Көлгө) кыргызына көчүп кетет… (барс) жылында бугулар Ормонду өлтүргөндө Калыгул бугунун ичинде болгон себептүү аны сарбагыштар болбостон (кайта) көчүрүп кетет.

Калыгул ушул эки уруунун ортосундагы урушту токтотууга, эки жакты жараштырууга көп күч жумшаган. Уруштун чыгуусуна болгон шылтоолордун бири ордо оюну болгон. Сарбагыш менен бугу уруулары ордо ойной баштаганда Калыгул: «Тилимди алсаңар ушул ордоңорду койгула, ордонун ичи кан сасып кетти, чатак чыгып кетпесин» деген имиш. Ошол тушта Калыгулдун түркөй адамдардын арасындагы даанышман катары көрүнүп, ар кандай чырлардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу акыры согуш чыгаарын алдатан сезген жана ордо оюну ошого шылтоо болбосун деп баамдагандыгында шек жок. Курчап турган уруу арасындагы кырдаалдарга өзү да аралашып, анын акыры кандай болорун, анын уруш менен бүтөрүн мурда эле болжоп жүргөн.

Калыгул өз турмушунда айлана-чөйрөгө адил даанышман, чечен катары таанымал болгондугун кыйла кыргыз өнөрпоздору айтышат. Мисалы, мындай маалыматтар бар:

«Калыгул элди аралабаса дагы, бийлик келбесе дагы, анын адилдигине көзү жеткен соң, кээ чакта арка кыргызы чиеленишкен чоң доосу болсо, Калыгулга тапшырган. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш, парз албастан, дос-тамыр, өз-жатка карабастан адилеттүүлүк менен чечкен».

Замандын шартына карай кээде адилеттик кылып ба йыртан келе жаткан кадимки адат заңын колдонуп: «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген анын башкы принциптерин айрым учурда адилет кармагандыгы үчүн «калыс бий» аталып кеткен. «Кара кылды как жарган Калыгулдай калыс бол» деген лакап тараган. Эки үзөңгүнү тең тепкен калыстыгы үчүн эл аны өзүлөрү «бий» аташкан.

Эл арасында таасирдүү мындай бийди Ормон хан менен Төрөгелди сындуу манаптар да өз жактарына тартуу га аракеттенишкен жана чынында эле эл-журт арасындагы ар түрдүү талаш-тартыш, чиелүү доолор менен чыр-чатактар манаптарсыз чечиле албай тургандыктан, Калыгул да кээде алардын таасиринде болгон, өзү да аларга өз кезегинде таасир берүүгө аракеттенген. «Төрөгелди Калыгулдун батасы болмоюнча жоого аттанган эмес» деген кабарлар да бар. Мындайча айтканда, Ормон баштаган төбөлдөрдүн кеңешчиси болгон. Бирок өзү да манап насилинен чыккандыгына жана анын жан-жөкөрлөрү да ошолордон экендигине байланыштуу, анын үстүнө кыргыздын кабыргалуу бийлери катарында манап атагын алган соң, негизинен, феодалдык көз караштардын алкагынан биротоло кол үзүп кете албай, атүгүл өзүнүн кээ бир чыгармаларында ошолордун таламын көздөгөн жерлери да жок эмес. Ошону менен бирге, анын поэзиясынын айрым бир элдик катмарларын да биротоло көңүлгө албай коюуга болбойт жана булардын бардыгы жөнүндө төмөндө атайын сөз болот.

Калыгулдун керт башына байланыштуу бир катар уламыштар бар. Алардын кээси чыныгы фактылардан туулгандыгында шек жок. Мисалы, оң жаккы бетиндеги калына жана нукура сөзмөр, чечен поэтикалык талантына байланыштуу аны «кара кылды как жарган кара жаак Калыгул» атандырышкан. Кийин «Кара жаак» деген сөз нагыз чечендиктин бир синоними болуп кеткен. Демек, бу символ Калыгулдун ысмынан келип чыккан.

Кыргыздын көрүнүктүү карыя акын, ырчы, өнөрпоздо рунун кээ бирөөлөрүнүн айтуусу боюнча (Тоголок Молдо, Сагынбай, Шапак Ырысмендеев, Ыбырай Абдыракманов, Абдыкалык Чоробаев жана башка) Калыгул – «олуя», «аяр», «көзү ачык» даанышман катары таанылган адам. Мисалы, көрүнүктүү манасчы Шапак Ырысмендеев «Калыгулдун масели» деген казалында:

«Нечен акыл ойлонуп, Көкүрөккө алуучу. Көргөн жандын баарысы Ажайыпка калуучу.

Ошо тушта адамдын,

Олуясы дечү экен» – деп жазган.

Ушуга жакын ойду Ыбырай Абдыракманов да 1940жылы жазып калтырган: «Калыгул – аттын кашкасындай таанымал акын. Кыргыздар Калыгулдун сөздөрүн олуялыкка такагандан башкага барбагандыктары маалым.

Калыгул чыгарган ырларын обонго салбай, жөн эле маселдентип айтып берген. А кезде ырларын обонго салып, комузга кошуп ырдагандарды «ырчы» дешкен. Ал эми Калыгул болсо, чечендик искусствонун өкүлү катарында өзүнүн терең образдуу, санат, накыл, макал-лакап иретиндеги сөздөрүнө философиялык маани киргизип, даанышмандык көрк бергендиктен аны «акын» аташкан. Анын үстүнө анын манаптык даражасы да ырдап отурууга же комуз кармоого жол бербеген. Мындай даражадагы адамдардын ырдашы ал кездеги шарт боюнча «Чоң» намыстын иши болгон, уят иш болгон».

Калыгулдун акынчылык бөтөнчөлүгүнө байланыштуу мындай маалыматтар да кызык: «Калыгул ырчы эмес, даанышман болгондуктан тойго ырдабаган. Сөзүн көп ачылып, айта бербеген. Көп убактарда унчукпай отура берген. Сөзүн макалдатып, акырын токтоолук менен акылнасият катарында сүйлөгөн. Айылдын дөңүндө, чогулушта, жаки үйгө киши көп келсе, уют кылып сөз айткан.

Айтар сөзүн айтып туруп, кээ убакта өзүнчө күңгүрөнүп туруп: «Ушундай эмеспи!» – деп, оң жаккы, сол жаккы ийинин карап коюп сүйлөгөн.

Шапак Ырысмендеев да ушуларды ырастаган:

Оң жагына күңгүрөнүп, Ойлоп туруп көп айткан. Айткан кеби, масели, Адам жетпейт эсеби.

Кумдай сөзү түгөнбөйт, Күнүндө түрлүү кеп айткан. Чечендиги бар эле, Ченден чыккан жан эле.

Көзүн чыккан жан эле,

Көзүн жуумп сүйлөгөн, Көп адамды бийлеген.

Ошол эле автор Калыгулдун өзүнүн айтканын келтирет:

Олуядай киши эле,

Оң жагымда ишим бар, Ошолорду айткын – деп,

Оюма салган кишим бар.

Калыгул аң-сезимдүү түрдө айтып жана колдонуп отурган бул сындуу «артисттик» ыкмалар анын маселдеринин купуялуу сырын көзү туюк караңгы элдин арасында ого бетер көкөлөтүп, ого бетер экилентип отурган. Калыгулдун чечендик искусствосунун бир манерасы ушундай жана анын өз функциясы бар.

Өзүнүн философиялык ой-толгоолорунда чыгармачылык терең түйшүктөрдү тарткан акындын мына ушундай эффективдүү ыкмаларын жакшы түшүнө албаган түркөй адамдар «Калыгулдун эки ийининде айтып берүүчүлөрү бар» дегендей сөзгө жеңдиришип, өзүнүн сөздөрүнүн таралышына жана ага элдин көңүлүн буруу үчүн акындын өзү да ушундай ишенимдерди бекемдөөгө атайын аракет кылгандыгы жогоруда айтылды, акындын ар бир айткан сөзүнө муюшуп, ага ишенишип да, таратышып да жүргөндүгү чын. Бирок мындагы башкы нерсе жекече чыгармачылыктын тышкы эффективдүү жактарында болбостон, андагы ой жоруулардын тереңдигинде жана элдин кээ бир талаптарына жооп бергендиктеринде жатат. Ошону менен бирге, ал өзүнө чейинки поэзияда болбогон, поэзияда гана эмес, жалпы эле коомдук пикирде болбогон таптакыр жаңы философиялык маанидеги же тиричилик, заман, коом жөнүндөгү ой-толгоолорун өзүнчө жаңычыл формада маселдете айтуусунун өзү да анын «даанышман», «олуя» аталышына белгилүү даражада түздөн-түз себепкер болгон деп айтууга болот.

Ушу кандай өзү – деп, Ар бир түрлүү сөзү – деп. Жин ургандай кеп айтат, Көрбөгөндү көп айтат. Окуп келген немедей, Ою менен бек айтат.

Укпаган сөздү көп айтат,

Уламадай кеп айтат –

деп таңданышкан.

Анын чыгарган ырлары менен масел иретиндеги сөздөрү биздин күндөргө толугу менен жетпегендигин эски карылар менен өнөрпоздор бир ооздон күбөлөйт.

Мисалы: «Анын айткандарынан бизге азганасы жеткен. Көп сөздөрү жазуунун кыргыз элинде жоктугунан өзү менен кошо кеткен» – деп жазат Ы.Абдыракманов.

Белгилүү манасчы Шапак Ырысмендеев 10–12-жылдарда эл арасынан Калыгулдун ырларын жыйнай баштап, аны иреттеп, тапкандарын кийинчерээк «Калыгулдун масели» деген ат менен казал катары жазгандыгын көрөбүз. Ошол жыйнагында минтип жаздырган:

Ар кимден сурап курадым, Кээсин таппай турамын. Аяр адам өзү экен, Кумдай ыры көп экен. Түгөнгүсүз ыр болгон, Аягы кызык сыр болгон.

Калыгулдун ырлары ар кандай адамдардан жазылып алынган жана алар тийиштүү архивдерде сакталып турат. Ал эми турмуш, жакшы жүрүш-туруш жана башка мазмундагы ырлары ушул күнгө чейин айрым бир жерлерде бөтөнчө улгайыңкы адамдардын оозунан жыйналып алынып жаткандыгы жана алар өзүнчө жашап жаткандыгы факт. Мунун өзү акындын таланттуулугун, анын айрым бир жакшы мазмундагы ырларынын керек экендигин далилдейт жана бул фактыдан кайчы өтүп кетүүнүн өзү тарыхый адилеттүүлүккө көз жумгандыктан башка эч нерсени көрсөтпөйт.

Калыгул өмүрүнүн басымдуу көпчүлүгүн Көл жергесинде өткөргөн. Туруктуу жердеген жери Кара-Ой, СарыОй, Көл күңгөйүндөгү жерлер болгон.

Калыгул Бай уулу 1855-жылы жай айында 70 жашында көл башындагы Ак-Сууга жол тартып бара жатып, Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, «менин сөөгүмдү ушул жерге койгула» деген керээзин айткан имиш. Ал ошонун эртеси күнү Байсоорунда жол үстүндө каза табат. Керээзи боюнча сөөгү коюлган күмбөз Кара-Ойдо. Бу күмбөз боюнча да бир катар легендалар бар. Мисалы, ушу азыркы күнгө чейин кара-ойлук карыялар мындай дешет: «Бу олуя аба каза тапканда ага күмбөз салыш үчүн көп киши келет. Эл күмбөздүн топурагын көл боюндагы беш-он чакырымдан алган экен. Ошондо кол кирпичти бири-бирине берип эл он чакырымча катар турушкан. Элдин сүйгөнү ушунчалык экен»…

Шаршенбек ҮМӨТАЛИЕВ

КАЛЫГУЛ (2)

Жер жүзүндө тарыхсыз, адабиятсыз эл болбойт. Жапайы элден саналган Америка, Африка, Австралиянын топ элдеринин оозеки жана жазуу боюнча болсо да, өздөрүнчө адабият жана тарыхтары болгон. Адабият, тарыхсыз элжурт катарында саналбастан, адам айбанынан эсептелип, эл болуп жашай албайт. Демек, жүрө-жүрө жок болот. Тарыхтарга караганда биздин эрадан 210 жыл мурун кыргыз өзүнчө зор мамлекет болуп жүргөн экен. Андан мурун кандай абалда, канчалык жыл жашап келгендигин жана мамлекетин качан курган тарыхын алигиче илим ээси чече элек. Кыргыздын тарыхта башталып, биринчи көрүнгөнү ушул. Биздин эрадан 210 жыл мурунтан бери кыргыз нечен мертеме бузулуп тарап, өз бийлик эркинен, мамлекетинен ажырап, кыргын-сүргүн, ачарчылык үркүнгө капталып, быт-чыт болуп көбү жеринен ооп башка жерге барып, кубаттуу жоо-душмандын өкмөтүнө карап, ондогон-жүздөгөн жылдар анын кол алдында эзилип жүргөндүгү, канчалык уруш-талаш, кызыл-кыргын, сарысүргүн болуп талкандашып, нечен миңдеген азаматтардын кандары төгүлүп, далай катын-бала, кыз-келин жоонун колуна олжого кетип, бир заманда кайтадан жыйналып, нече мертеме өзүнчө мамлекет курганы билинди. Бирок алардын бүткүл тарыхын так көрсөтө албастан, балким, жүздөн бирин гана айтып кетет. Кыргыз эң эски элдин биринен болгонуна караганда заманына жараша анын өзүнүн маданияты, жазуус у, тарыхы жана адабияты ошол замандагы башка адабияттуу журттан анчалык кем болбой келе жаткандыгына азыркы кыргыздардагы илгертен айтылып келе жаткан «Манас», «Семетей», «Төштүк», «Кошой» жана «Көкөтөй» деген ырлары анык күбө.

Кыргыз түптүү эски эл болуп, эзелтен замандын агымына жараша далай азып-тозуп, туткун чыккандыгы кыргыз адетиндеги эзелтен айтылып келе жаткан миңдеген лакап сөз, макалдары, ордо, упай, тогуз кумалак, дүмпүлдөк оюндары; күлүк ат, тайган, бүркүт, туйгун, шумкар таптоо, эр сайыштыруу, жамбы аттыруу жана башка түрдүү эскиден келе жаткан кесиптери зор далил. Бул айтылган кесиптер башка улутта текши жок.

«Манас», «Көкөтөй», «Кошой», «Төштүк», «Семетей» жана башка ырлар, оюн кесибинин көбү дээрлик замандын агымына жараша далай азып-тозуп, туткун болуп, колго түшкөн пендедей башка эл, жоо-душмандын таасирине кириптер болуп, эгерде жазуулары болсо жоголуп, чырпыгынан ажырап, сөңгөгү калган дайрада аккан дүмүрдөй болуп соктуга-соктуга, балким, 5–10 процент калган десе, эч кимге калп болбойт. Кечээ залим Николайдын тушунда кыргыз кедейлери бүткүл эркиндик укугунан ажырап, жан сактоо, жер-суусу колунан кетип, бай-манап, залим жана болуштары тиги зулумдардын пайдалашы болуп, кедей арасынан чыккан аз билимдүү окумуштуулары биринчи, тасмия каражаты жоктуктан, экинчи, өкмөт эрик бербегендиктен, эзелтен келе жаткан ырлары, расим адет оюндарын жазып, элге таратмак түгүл айтууга уруксат болбогон. Кызыл жылдыз чырагы биздин мамлекетте туулуп, совет өкмөтү куралып, Өктөбүр өзгөрүшүнүн касиети аркасында ар бир эзилген жоголуп бара жаткан улут Маркс, Ленин салган жол менен коммунисттер партиясынын жол башчылыгы аркасында кайтадан тирилип, ошолордун катарында эзилген, көмүлгөн аз улут кыргызга дагы кызыл жылдыз чырагы тийип, бүткүл жан сактоо жана башка тиричилиги жер жүзүндө анык, ырас, чың тартип болгон себептен социализм дооруна кире баштады жана өлүүгө такалып, солуп бара жаткан адабияттарын тиргизди. Көмүлүп бара жаткан «Манас», «Төштүк», «Кошой», «Көкөтөй» ж.б. ырлары жыйыла баштады. Макалдар, үлгүлүү билим сөздөрү, анын айтылган негизи, кембагалдан же феодалдан болсо да, алар ар бир даанышман, акылдуу кишилердин айткан сөзү, бирок алардын кайсы заманда жана ким айтканы көп замандын өтүшү жана жазуунун калбагандыгы үчүн билинбеди. Айтып кеткен ээси табылбады. «Көкөтөй», «Төштүк», «Манас», «Кошой» ырлары эң байыркы эски замандардан бери айтылып келе жаткан деп карыялар айтса да, 1760-жыл чамасына жете кимдин айткандыгы жана аны кайсы кылымдан баштап айтып келе жаткандыгы бизге билинбестен, бирок анык дайын болгону 1760-жылдар чамасынан баштап, кыргыз арасында кимдин айтып жүргөндүгү маалым болду.

Бир улут жерин таштап башка жакка ооп кетсе, жаки жоокерчилик болуп, кырылыштын соңунда чоң өзгөрүш болсо, адабият жана башка эски расим көбүнчө унутулуп, өзгөрүп кетет. Ошонун бириндей кыргыз XVIII кылымдын ортосунда Анжиян, Алайдан кайта өз жери Аркага келип орногон. Бул качыш күн жүрүштө тентип жүрүш зардабына тиги адабияттарды мурунтан айтып келе жаткан кишилер болсо да, анын тарыхы, аты-жөнү билинбей калса керек.

Ошентип, мурунку билимдүү заманына жараша «зарлоо» сөздү насият катарында айткан кишилерибиздин бири – түн жак кыргызда заманы көп алыстабаган үчүн XVIII кылымдын аягына жакын туулган Калыгулдун сөзү. Анын сөзү болсо өз оозунан айтылган заманда жазылып, кагаз үстүндө калбагандыктан анык жана тунугу аз болуп, Калыгулдун айтканы деп кийинки ырчылар сөздү өзүнөн көп кошкон. Жаки башка бирөөнүн сөзүн аралаштырган. Экинчиден, 1835–40-жылдар чамасында туулган бугу кыргызынан Арстанбек Буйлаш уулунун зары, анын заманы Калыгулдан кийин болгону үчүн башка ырга караганда арбын жана башка сөз катышпаган төрдүн суусундай тунук деп айтууга болот. Бирок анын ичинде дагы бир далай сөз башка ырчылардан кошулган.

Калыгулдун айткан сөзүн жазбастан мурун анын өмүр баянынан бир аз маалымат берели. Оң аталган түн жак кыргыздын сарбагыш уругунан букаралашып кеткен манап насилинен Бердиштин уулу Байдан 1785-жылында (жылан жылы) Калыгул туулду. Атасы бай, орто чарба, чоң атасы Бердиш кедей болуп, наркы атасы Дөөлөт Сарсейит уулу, анын атасы Сүтөй, Сүтөй атасы Манап, анын атасы Дөөлөс, анан Кылжыр, анын атасы Тагай.

Казак кайың саап, жеринен оңбой калып, калмактан кыргыз качып, (Гиссар, Кулябга жете барып) Анжиян, Алайга келгенде кошо кирип, анда бир далай жылы тентип жүрүп, өмүрүн кедейлик менен өткөргөн Калыгул орто чарбанын баласы болгондуктан, жаш чагынан кара чарбанын артында болуп, мезгили менен эгинге киришкен. Ал заманда кыргыздын мал уурдашып, жылкы ти йип, жоолашкан жоолору: калмак, казак, өзбек, уйгур болуп, өзбекке (кокондук) караса да, толук баш ийбеген. Өз араларында ар уруктун беги, феодалы болгон.

Ал феодалдары бири-бирине баш ийбестен араларында уруш-талаш көп чыгып, букарага көп күч келип, кембагал-кедей, кара чарба, букара зулум манаптардын толук эркинде болгон. Мал башына ээ боло албай кул, күң катарында ушул кан, бек жана манаптардын айтканынан чыкпай, айдаганына көнгөн. Кара чарба букаралары көбүнчө мал кесиби менен оокат кылса да, жоокерчилик заманы болгону үчүн эгин айдоо кем болгон. Айдаса да үрөндү аз тилеп, асылды көп бергендиктен, ичсе тамак жана кубаттуу ичкилик бозо болгондуктан таруу айдаш кан.

Кыргыздын манаптары, байлары Фергана, Кашкар, Кулжадан пул алдырып кийинип, пайдаланып, кембагал, кедей жалчылары жалаң этегине жайы-кышы куур тон кийип, тиги кан соргучтардын кызматын кылып, эл чети, жоо бетинде жүрүп, душманын жоологон. Атактуу чоң манаптары, бийлери, кээ бир убактарда жалчылардын эркегин кул, ургаачысын күң кылып, калыңга берген, калыңга алган жана байгеге сайган. Мына ошондой залимдик заманга Калыгул аралаша туулган. Жети жашка келгенде бүткүл арка кыргызынан дээрлик окуу билбестен намаз окуган асык кыргызынан Сопу ата деген болуп, ошондон эртеңки 4 ирекет намаз окушту Калыгул үйрөнгөн.

* * *

Казак кайың саап, мында жеринен оодарылбай калып, кыргыз Анжиян, Алайга кирген деген сөздү жогоруда айтып өттүк эле. Анжиян, Алайдан кайта азыркы турган жери Талас, Чүй, Ысык-Көл, Сыртка 1755–58-жылдар чамасында келип, бул жерден калмак кеткен соң орногон. Кыргыз келгенде Чүй Өзөнү менен Ысык-Көлдүн түн жагында казактар турган. Жеринен ообогон үчүн кыргызга караганда баары да малдуу болгон. Ач-жылаңач Анжиян, Алай, нар жагы Гиссар, Кулябга жете тарап, оокат үчүн тентип кеткен кыргыз чогулушуп, жөө-жалаңдап арыпачып, үстүндө үйү жок, жээрге көбүнүн тамагы жок, көбү – азын, күчтүүсү – начарын талап, уурдап келишип, жерине орношкондо дагы ачка болушуп, чыдай албастан казактын малын уурдап ала бергенде казактын тынчы кетип, кыргыздын жерин таштап, өз жерине көчүп түшкөн. Казактын пикири кыргызда мал калган жок деп, Ысык-Көл менен Чүй өзөнүн ээлемекте болгон. Казактар Илеге түшпөсө да кыргыздар артынан барып уурдап турган. Кээ чакта 70–100 кишиден болуп, күзүндө аттанып кетип, кышында туюк бек жер, токой, камыш, чийге 3–4 аттан башкасын союп жеп, кыштап жатып, көктөм менен жүздөп-миңдеген жылкылар алып келип турган. (Маселен, солтодон дейди менен шапак уругу, күнтуу уругу, сарбагыштан итибас жана кой итибас уругу, жантай). Кыргыздын кордугу өтүп, тынчы кетип жүдөгөнд үктөн, бир тараптан Ысык-Көл, Чүй, Таласты жердин артык жакшысы экен деп кызыгып, кыргызды сүрүп жиберип, жерин ээлемек үчүн казактын баатыры Санбарак (Көкжал ба рак, Жалдуу барак, Көкжарлы барак деп дагы айтылат) кыргыздан 1770-жылында кырылганы жогоруда маалим болду. Мындан соң казакка кыргыздар тынчтык бербей уурулугун койбостон, бир четинен чаап алып турганда казактын өтүнүчү боюнча Сараркадан Абылай аттанып келип, 1776-жылында кыргызды талкалап караткандыгы өз иретинде көрсөтүлүп өттү эле.

Жаш баланы жаш чагынан жоо бетин көрсөтүп, машыктыруу кыргызда байыртадан адет болгон себептен, 7 жашар Калыгулду жакын тууганы Эсенкул Болот уулу ала барган. Казакты аябастан өлтүрүп жатканын көрүп, Калыгул мындай деген: «Байке, кишини киши аябастан, боору оорубастан, ошончолук дагы койдон бетер кырабы? Мындай болорун билсем келбейт элем» дегенде, Эсенкул: «Карыш жаагыңды бас, бала – баладай болучу, башыңды жуткур» дегенде Калыгул унчукпай калган. Үйүнө келгенде: «Элдин кылган иши курусун», – деп кара чарбанын аркасында болуп, элге аралашпастан өскөн. Катын алып, үйлөнгөн соң таман акы, маңдай тери менен жан сактап жүргөн. Манаптардын кылыгы, иштеген зулумдугуна эң нааразы болгон.

Биринчиден, кокондуктан келген соодагердин булунун пайдасын талашып, экинчиден, казак тууралуу эки арасы бузулуп (анын себеби ушул жазылып жаткан тарыхта түбүнөн толук айтылат), 1815–17, көбүнчө 19–21-жылдар арасында солто менен сарбагыш кыргыздары урушуп, сарбагыш талкандалып жеңилип, быт-чыт болуп качкан. Ушул урушка кошо жүргүн деп сарбагыштар келсе: «Эки агайын урушу эмес, казак, кыргыздын урушуна балалыктан баргамын, бул урушуңарга барбаймын» – деп Калыгул үйүндө калган дейт.

Түн жак кыргызында биринчи атактуу кан соргуч залим, сарбагыш кыргызынан хан катарында болуп турган Ормон Ниязбек уулу болгон. Ормондун эл жегендигине, адилсиздик сурагына ыраазы болбостон, 1852–53-жылдарда Калыгул айылы менен бугу кыргызына көчүп кеткен. Ормондун өлтүрүлүшүнө себеп болгон Чагалдактын өлүгүн бугудан Калыгул алып көмгөн.

1854 (барс)-жылында бугулар Ормонду өлтүргөндө Калыгул бугунун ичинде болгон себептен, аны сарбагыштар болбостон көчүрүп кеткен. Бугу менен сарбагыштын урушун каалабастан, бугудан Солтонкул бир жолдошу менен, сарбагыштан Калыгул менен Шамен чыгып, төртөө эки жагын жараштыруу га чындап аракет кылса да ыгы келбеген. Акыры согуш башталып кетип, саяк, бугу, сарбагыштан эң азында «сен тур, мен саямын» деген идердүү жигиттерден 1000ге жакын азамат өлгөн. Калыгул ырчы эмес, даанышман болгондуктан ашка-тойго барып ырдабаган. Сөзүн көп ачылып, айта бербеген. Көбүрөөк убакта унчукпай олтура берген. Сөзүн макалдатып, акырын токтоолук менен акыл-насыят катарында сүйлөгөн. Айыл дын дөңүндө, чогулушта, жаки үйгө киши көп келсе, үйүт кылып сөз айткан. Айтар сөзүн айтып-айтып туруп, кээ чакта өзүнчө күңгүрөнүп кетип, көпкө жете унчукпай калган. Сүйлөгөн чакта анда-санда: «Ээ… ушундай эмеспи?» – деп жаки оң, жаки сол ийинин карап сүйлөгөн.

Калыгул элди аралабаса дагы, бийлик кылбаса дагы, анын адилдигине көз жеткен соң кээ чакта арка кыргызы чиелешкен чоң доосу болсо Калыгулга тапшырышкан. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш паралабастан, дос, тамыр, өз, жатка карабастан түздүк менен чечкен.

Ормон бир кезде Соң-Көлдү жеке жайлап жүрөсүң деп саяк кыргызынан канчалык жылкы (бир кабарда 50 ат) айып алган. Бул ишти Калыгул жактырбастан Ормонго айтканы:

Ой, иним, Ормонум, Жеген менен тойбодуң. Кой дегенге болбодуң, Акыры сен оңбодуң.

«Өз элиңден айып алба, алган малыңды кайта бер» – десе Ормон болбостон, айыбын алып жана саяктан Сагынбай манасчынын атасы Орозбак кернейчини көчүрүп кеткен. 1840–42-жылдар чамасында Ормондун бир тууганы Субандын Матай деген баласы канчалык киши менен аттанып келип, Тынай кыргызынан жылкы тийип бара жатканда тынайлар Боомдун ичи Үргөташтан кууп жетип, жылкыларын ажыратып, Матайды өлтүрүп кеткен. Бул себептен Эсенкул менен Тынайдын арасы бузулуп, жылкы тийишип, катуу бузула турган болгондо Калыгулду чакыртып, Ормон киши жибергенде келбеген. Экинчи чакырууда келген. Ормондун Калыгулга айтканы: «Эсенкул менен Тынай бир сарбагыш элек, тынайлар биздин бир баланы өлтүрүп коюптур. Эки элдин арасы алжайып, бузук күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Эсенкул менен Тынай сенин тилиңден көп чыга албас. Эки элди жараштырып, журт кылып койгун» деген… Калыгул ал замандагы кыргыздын кан соргуч залим манаптары, феодал баатырлары, маселен, солтодон Жанкарач, бугудан Боронбай, саяктан Тайлак, Медет, Нурдөөлөт, Таластан Ажыбек, сарбагыштан Ормон, Жантай, Төрөгелди элжуртту талап, кедейди кул-күң кылып жумшап, калыңга берип, калыңга алганынан көп нааразы болуп, кыргыз менен казакка караганда кокондук маданияттуу, билимдүү, баштуу журт эмеспи! Кыргызды тынчытып, жакшы тартипке салаар деп кокондуктан көп үмүт кылган.

Жогоруда жазылган Алтын бешик Айбөбөктөн бир аз кабар. Орустан жеңилип бытырап, өзбектер Волга менен Жайыктан келгенде Фергананы айтылуу залим Темирдин тукуму бийлеп турган. Ал чакта Темирдин балдарынын арасында көзгө көрүнүп, атак алганы Султанбабыр (өз аты Зариддин Мамет) таякеси Чыңгыс кан ичердин тукумунан болуп, өзү өтө акылдуу, адабиятчы, ботаник, зоолог, тарыхчы, дипломат жана баатыр болгон, дагы башка илимди да жакшы билген.

Султанбабыр 14-февралда 1483-жылында (коён жылы) Наманганда Аксакен туулуп, 1530-жылы (барс жылы) өлгөн. Атасы Өмүршайык Темирдин небересинин баласы ал өлгөндө баласы Бабыр 12 жашта болуп, ушул заман атка минип, туугандарынан кандык талашып, аларды нечен мертебе жеңип, жеңсе да жамандыкка кыйбай жүрүп, акыры туугандары душмандыгы артып кыстаганда, бир жагынан өзбек тердин баштыгы Шибани күчөп бара жаткандан кооптонуп, 1505-жылы Ферганадан качып бара жатканда Кожент менен Ханнибадал арасында Сейит аппак деген катыны эркек бала тууп, аны алып жүрө албастан алтындалган асыл ороого ороп, алтындалган бешикке салып бөлөп, алтын кемерин үстүнө арта салып таштап кеткен. Эртесинде көчүп бара жаткан эл – кыргыз, кырк кыпчак жана миң уруктары таап алып, Алтын бешик Айбөбөк (Золотая колыбель, лунное дитя) ат коюп асырап алган.

Бир кабарда 1512-жылында Бабыр Ферганадан Кашкарга качып барганда баланы таштап кеткен. (Кебетеси Бабыр Кашкарга ошол жылда кирсе керек.)

Султанбабыр кийин Индустанга император болгондо кыргыз, кырк кыпчак жана миңге баланы берсин, – деп киши жибергенде бербеген. А Алтын бешиктин бир аты Куттуу-Хан, Кудаяр Султан жана Теңир-Яр болгон. Алтын бешик хан болуп жүрүп, 1545-жылы (коён жылы) өлгөн. Ушул санактан башталып, Алтын бешиктин насили Фергананы орус колонизатор алгыча (1875–76-жылдар) анда хан болуп турган. Миң уругу асыраган себептен династиясы Миң аталып, атагы Алтын бешик Айбөбөк болгон.

Калыгул тынчтык каалап, мээрбанчылыкты ойлоп, туур алыкты санаса да, аныгы эң өтө артыкча кыргызчыл, улутчул болуп, орустун кыргыз жерине кош жаактап келе жаткандыгын жана аскер кубатынын бир баш экендигин билип, муну узун кулактан болсо да угуп, орусту жектеп, кыргыздын бийлиги манаптын колунан кетип, оруска өтөт экен деп ойлоп илимсиз, билимсиз түркөй кан кыргыздын бай-жардыларын дайым оруска каршы үндөп турган кедей, жарды, бечара үчүн пайдалуу болуп туруу пайдасын ар дайым ойлогон. Кедей пайдасын ойломок түгүл, карыган чагында эл-журтту эзүүчүлөрдүн, маселен, Ормон хандын жардамчысы болгон. Чынында бай-манап кулактардан саналып, кедей бечаралардын укугун көздөбөгөн.

Калыгул 1855 (коён жылында)-жылы 70 жашында Ысык-Көлдүн түн багыты Сазоновка кыштагынын (Байсоорун) күн батыш эки Аксуунун ортосунда өз ажалынан өлүп, ушул жерге коюлган. Анык кабарда Кара-Ой, СарыОйго коюлган.

Белек СОЛТОНОЕВ

САРТ АКЕ

Кыргыздардын теги, кыргыз эли деген этнонимдин чыгышы жөнүндө түрдүү вариантта тарыхый маалыматтар кезд ешет. Бизге жеткен санжыралардын биринде кыргыз кырк уруудан турган эл деп айтылат. Ошол кырк уруунун байыр кыларынын бири – дөөлөс уруусу. Эзелки санжыраларда жана илимий маалыматтарда дөөлөс, телес, төлөс деп да берилип жүрөт. Бул аталыш этимологиясы боюнча кытай сөзү деген маалымат бар: кытайлар дөөлөскө тили келбей төлөс дешкен экен; бул сөздүн баштапкы уңгусу – теле, кыргызча араба деген эле сөз.

Айрым тарыхчылардын айтымында, төлөс деген аталыш кытай тарыхында кыргыз деген сөздөн мурда кездешет. Биздин оюбузча, бул маалымат дагы тактоону талап кыла турган маселе.

Тарых маалыматтарына караганда, байыркы төлөс ич ара тогуз уруудан турган өзүнчө федерация болуптур. Алардын өкүмдарлары – ажолору, акимдери, бектери – бийик дөңгөлөктүү арабаларда жүрүшчү экен. Ошондон улам аларды коңшу элдер, айрыкча кытайлар бийик арабачандар деп аташкан.

Төлөстөр бириккен федерациясында өзүнчө хандык болуп, хандан баштап төмөнкү бийликтегилерге чейин башка элдердин, уруулардын өкүлдөрүнөн өкүмдарлар койбой, дайыма өз уруусунан гана (төлөстөрдөн гана) жетекчи коюшкан. Ошондон улам: «Төлөс төрүн бербейт, өлсө көрүн бербейт» деген макал тараган элде. Салт боюнча хан төрдө өз тактысында, акимдер, бектер жы йындарда, сый-үлпөттөрдө, мейманда, айтор, бардык жерлерде, бардык шартта төрдөн орун алышкан. Мына ушул салтка айланган жагдайдан макал таралыптыр.

Дөөлөс уруусунун таралышы, жердеген жери өтө кеңири аймакта: Европадан тартып, Борбордук Азия, Түндүк Чыгыш Азияга чейин тараган.

Белгилүү санжырачы Дыйканбаев Жумалынын айткан маалыматтарында дөөлөс уруусунун түпкү таралышы Каракандан башталат. Анын Жоожыгар аттуу уулунун Муңайт деген баласы болгон. Ошол Муңайттын биринчи байбичесинен Дөөлөс, Нойгут, Кыпчак деген уулдар төрөлөт. Дөөлөстүн Толуман, Калкаман аттуу уулдары болуптур. Толумандан тогуз уул, бир кыз жарык дүйнөгө келген: Ханмурат, Мурат, Баймурат, Барат, Урумкашка, Доройт, Малакашка, Керкашка, Чулумкашка, эң кичүүсү Кенжеке деген кыз.

Ханмурат, Эшмурат, Урумкашка, Доройттун тукумдары Анжиянда, Ноокатта, Баткенде, Сузакта, Баймураттыкы Үчтеректе, Бараттыкы Чүйдө, Малакашканыкы ТяньШанда, Керкашканыкы Тогуз-Тородо, Чулумкашканыкы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда деп айтылат.

Эскертүү: Толумандын тукумдарынын таралышы, алардын жайгашкан жерлери дагы тактоону талап кылат.

Чулумкашкадан тараган тукумдар Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө, Аң-Өстөн, Боз-Бешик, Чоң-Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк айылдарында жашашат. Бул айылдардагы дөөлөстөрдүн тукум башаты Чулумкашканын түпкү мекени – Ош облусунун Ноокат району.

Чулумкашка айыгышкан бир коогалаңдын капшабы менен Ысык-Көлгө качып келгенден кийин бугу уруусунун ошол кездеги билерманы Алсейит атанын колунда жетилет.

Эскертүү: Бул маалыматтар менен толугураак таанышуу максатында «Акыл атасы – Сарт аке» деген китепчени (Каракол шаары, «Дархан» фирмасынын басмаканасы. 1997) карап көрсөңүздөр болот.

Чулумкашканын улуу байбичеси – Токтокан, анын төркүнү чүйлүк солто… Бул байбичеден Чулум ата сегиз бала көрөт: үч перзенти тороло электе эле чарчап калат, андан кийинкилер и – Зумбул, Булбул, Кармыш. Булардын тукумдары жогоруда айтылган ар башка айылдарда жашашат. Сарт аке Зумбулдан тараган тукумдардан.

Зумбулдан Мендеке деген жалгыз уул болгон. Мендекеден Кудайкул, Жаный, Олжобай, Жаныйдан Кудаш, Кудаштан Жолуке, Байболот, Байболоттон Доскулу, Ырыскулу, Доскулудан Майлыбай, Чоңбай, Сартбай (кийин кадырман, даанышман адам болгон кезде эл аны Сарт аке деп аташкан). Сарт акенин үч байбичесинен алты уул, эки кыз болуптур…

Көл өрөөнүндө эл намысын коргогон, аны ыйык туу туткан, кыргыз болгондун баарын ажырымы жок бүтүн деп түшүн гөн, намыскөйлүктөн улам башка элдин алдында жалпы кыргызга мүнөздүү руханий салтты, жоро-жосунду, адепти, кулк-мүнөздү, адамкерчиликти, акыйкатчылыкты, калыстыкты, такыбалыкты, абийирыймандуулукту, дил тазалыгын Алла Таала жолу боюнча сактай билген улуу даражалуу акелер болгон. Ошолордун бири – дөөлөс Сарт аке.

Сарт акенин кайсы жылы жарык дүйнөгө келгендиги жөнүндө так маалымат жок. Ошондой болсо да, жыл сүрүү болжолунда 1770–80-жылдардын аралыгында азыркы Нарын шаарынын чыгыш тарабындагы Текесекирик аймагында төрөлг өн. Дагы бир териштирүүдө, тагыраак айтканда, Семен-Тяньшанскийдин Ысык-Көлгө келиши жана академик Жамгырчиновдун Ормон хандын өлүмү жөнүндөгү маалыматтарындагы даталарга салыштырмалуу иликтегенде Сарт аке 1782–89-жылдар аралыгында төрөлгөн болуу керек деп божомолдонот. Ушул эле ки йинки дата Ж.Жылкыбаеванын «Тарыхый инсандар таржымалынан» (1995) деген эмгегинде да көрсөтүлгөн.

Сарт акенин Нарында төрөлгөнү акыйкат чындык, анткени көзү тирүүсүндөгү өз өтүнүчү боюнча анын сөөгү киндик каны тамган жерине коюлган. Сөөгү коюлган жери да эки түрдүү айтылып жүрөт: биринде Нарындан Ат-Башыга кетип бара жаткан жол боюндагы эски көрүстөндө делинет. Бул маалыматты Кадыракун Базарбаевдин да (совет доорундагы белгилүү кызматкер) айтканы эсимде. Жаткан жайы Текесекирик аймагында экендигин так билген адам Бекжан аксакал менен 1965-жылдын июль айында бетме-бет сүйлөшкөн элем. Ал адам ошол кезде 94 жаштын даамын сызып турган кези экен. Ал – ТяньШань районунун Ортонура айылынын тургуну.

– Илгери, – деп сөзүн баштады карыя,– Сарт акенин жаткан жайынын айланасы бүт эле коломто болоор эле. Көп жылы оорудан жапа чеккендер, төрөбөгөн аялдар, кээде бир кырсыктан аман калгандар түлөө өткөрүш үчүн же атайы эскеришип, мал союшуп дуба окуткандар жайдыр-кыштыр от өксүтүшкөн эмес. Кыскасы, ал улуу адамдын жаткан жайы ыйык мазар катары эсептелчү. Балким, мазар болуп калгандыктан, Алла Тааланын кудурети менен калың токой чыгып калган, – деп карыя тобо келтиргенде, угуп отургандар алакан жайып, бата кылган элек.

Элдин айтымында, Сарт аке тестиер кезинен эле сезимтал, илбериңки, кичи пейил өсүп, эл көзүнө көрүнө баштаган. Ал он экиге келгенде, агасы Чоңбай кайтыш болуп, андан эки байбиче жесир калган. Жылдык ашы берилгенден кийин, буюрса, мен алам го деп жүргөн ата өтүшкөн агасы болгон. Бул үмүттү жеңелери да угуп, кантээр айласын таппай жүрүшөт. Анткени ал адам чолок усталыгы болбосо, жесирлерди жыргатып деле бакчудай эмес окшойт.

Аш берилгенден бир апта өткөн соң, улуу байбичеси сиңдисине кеңешет:

Бизди устага башыбызды байлачудай болуп турушат. Анда чекебиз деле жылып кетпейт. Андан көрө эч кимге билгизбей түн жамынып молдо чакыралы. Молдонун жолун жасап, айласын мен табайын. Тилимди алсаң, бый ыл он үчкө келди, Сартбайга эле нике кыйдырып алалы. Кудай буюрса, ал бизди кор кылбайт. Бул кеңешке сиңдиси да макул болот. Бардык иш жесирлердин кеңешкениндей аткарылат.

Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин Сартбай ат сугарайын деп, устанын үйүнүн жанынан өтүп баратса, ал боз үйдүн сыртында уук жонуп отурган экен. Баланы чакырып алып:

  • Жашабагыр, менден озунуп жесирлерди алууга кандай жолуң бар эле? – деп ийдини шилтеп калганда, бала башын бура берет. Ошондо курч ийди баланын мурдунун учун шылып түшөт. Ыйлаган бойдон үйгө келсе, бети-башы кан. Аны көргөн улуу байбичеси, бетин жууюн десе мурундун учу жок. Эмне болгонун баладан сурап, жанагы жерге чуркап келип, мурунду таап, аны суу менен жуубай, тили менен кайра-кайра тазалап, ордуна эби менен жабыштырып данакерлеп, айыккыча эртели-кеч жалап жүрүп, тырыгы жок бүтүргөн экен.

Устанын айыпсыз баланы мазактаганы үчүн байбичелери, бардык окуянын болгонун болгондой айтып, бийге даттаны шат. Бий да устанын чоголдугуна ачуусу келип, аны айыпка жыкмак болот. Жаза колдонулчу күнү уста да, Сартбай да чакырылат. Бий устаны тогуздап мал бересиң, – деп өкүм чыгарганда, он үч жашар Сартбай:

  • Бий ата, сиз кимди айыпка жыгып жатасыз? Мурунду кестирген да өзүм, кескен да өзүм. Агасы инисин жазалап коюу элибиздеги салт эмеспи, – деп устаны куткарып кеткен экен. Ошондо агасы чын эле осол экендигин сезип, баланын астына түшүптүр.

Сарт аке он жети жашында бугунун Белек уруусунун кадырман бийи, Бирназарга эки-үч жыл жигит болуп, андан соң бат эле жасоолдукка көтөрүлгөн. Ошондон баштап эл аралап акылмандыгы, сөздү ташка тамга баскандай так, таасирдүү айткандыгы, сылык-сыпаалыгы, токтоолугу, болор ишти алдын ала туя билиши, ар иштин жолун таба билиши менен эл арасында даңкы тез эле даңазалана баштайт. Анын бул касиетине Көл өрөөнүнүн түшпөс хан (өмүр бою өкүмдарлык кызматта болгон адамга карата да айтылган түшүнүк) аталган башчысы Боронбай да куштар болуп жүргөн экен. Күндөрдүн биринде Бирназар бий менен маектешип, алардын макулдугу боюнча Сарт акени өзүнө акыл кошчу кеңешчи кылып алат. Ошол күндөн Боронбай болуштун көзү өткөнгө чейин атактуу Мойт аке (Көл өрөөнүндөгү акелердин улуусу) менен бирге Көл өкүмдарынын акыл кеңешчиси болуп өмүр өтөгөн. Кийинчерээк алардын катарына чечендик, акылгөйлүк өнөрү менен бүт кыргызга даңазаланган Тилекмат аке да кошулган.

Ошентип, бул үч адам Боронбайдын түшпөс хан болушуна (көлдүктөр, чынында эле Боронбайды хан деп да айтышкан) баа жеткис салым кошушкан.

Элдин айтымында, бул үч адамдын адамдык сапаттары – бири-бирин кан эгиздей ширин көрүп, илептерин кайта рышпай, биринин акылын бири улап, бири айткан акылга экинчиси кулак төшөп, бири-биринин кадыр-баркын көтөрүү, бел болуу жагынан гана эмес, акыл жарышында да бирдей деңгээлдеги адамдар болушкан. Алардын эл тагдыры, эл түйшүгү дегенде кара жанын карч уруп, ичкен ашына да кайыл болушу, кара кылды как жарган калыстыгы, айлакерлиги, адамкерчиликтери да бирдей болгон. Кимисинен кеп-кеңеш сураса, адам шагын сындырбай жооп берген өтө карапайым, өтө сабырдуу адамдар экен. Ушул окшоштуктарына чакан мисал келтире кетели.

Адилеттүүлүк жөнүндө Алдаяр уулу Мойт аке төмөнкүдөй накыл айткан экен:

– Адилеттүүлүк – жашоонун туткасы. Адилеттүүлүк болбосо, жашоонун оош-кыйышы көп болот. Адилеттүүлүк менен теңчилик эриш-аркак. Бул экөө болгон жерде ата салты бузулбайт, калыстык уялайт. Калыстык болмоюнча теңчилик жок, теңчилик болмоюнча адилеттик жок. Мына ушуну эл билермандары бекем тутунушу парз.

Адилеттүүлүк – ак иш. Актын жолунан тайбагыла. Адилетүүлүктүн жолу узун, эгер ал ыйык тутулса. Адилеттүүлүктүн жолу кыска, эгер ага арамдык аралашса.

Адилеттүүлүктү бардык адам каалайт, эңсейт. Аны өзгөчө эл башчылары, эл билермандары, салттуу, нускалуу карыялар пириндей сакташы зарыл, не дегенде калк биримдигин, ынтымагын көзөмөлдөөчүлөр ошолор.

Адилеттүүлүк жасаган иш, пейил менен шайкеш болушу зарыл. Кылган ишиң пейилге жараша болот. Ооз жүзүндө пейил түз өңдөнүп, иш жүзүндө ажырымы байкалса, акыры адилеттүүлүккө зак кетет, бара-бара ак жолдон тайыйт. Ак жолдон тайыганда, кут кете баштайт. Кут ордуна ар кандай ыпыластык, калпычылык, алдамчылык, эки жүздүүлүк, көз боё мочулук, деги койчу, күнөөгө дуушар кылуучу бардык жаман илдеттер калк арасына уюктай баштайт. Адилеттүүлүктөн таюу – орду толгус жоготуу.

Эми Сарт акенин жашоо-турмушка үлгү болорлук накылынан бир-эки мисал келтирели.

  • Сарт аке, адам баласы өз колунан келген кандай нерсени тутка, арка кылса болот? – деп сураганда:
  • Жүрүш-туруштун, кулк-мүнөздүн, пейилдин Алла Таала жолуна төп келиши жашоонун туткалуу өзөгүн түзөт. Жүрүш-туруштун, кулк-мүнөздүн, пейилдин өзү адептүүлүк, же адепсиздик менен бааланат. Адептүүлүк калк урматтоосуна алып баруучу айкын жолдордун бири. Адептүүлүктөн зыян тарткан, жапа чеккен пенде болбойт. Асили, адептүүлүк да акылдан учук алып узарат. Жалгыз адамды эмес, бүтүндөй калайыкты да башкарган – акыл. Ушундан-улам адептүү болууга акыл, сезимталдык себепкер деп айтылат. Ал эми акылдын да кенчи бар: ал акылдуулардан таалим алып, сезимтал, сергек болуу менен жашоо-тиричиликке байкоо жүргүзүү аркылуу, турмуш тажрыйбаларынын топтомдору аркылуу байыйт, өсөт. Акылдын ууздай тунук булагын Алла Таала тартууласа да, ал мыкты чөйрөсүз өспөйт. Акылдуу адам түркөй, караңгы чөйрөгө тушукса, алардын агымына сиңип кетет. Акылдын өсүшү деле сепкен үрөнгө тете. Үрөн жайлуу жерге себилсе, жакшы өсөт эмеспи.

Адепсиздик – өтө төмөндүк. Анын акыры жек көрүүчүлүккө, элден чыгууга алып барат. Адепсиз адамдын жамандыктан башка бирөөгө пайда келтирген учурун көрө албадым. Кептин кыскасы, адептүү, акылдуу, жөн билги адам – жарык жылдыз, күнөстүү жерге өскөн жайдары гүл болсо, адепсиз адам чалчыктагы балыр сыяктуу. Асили, адепсиздин акылы кем.

Эми теңчилик жөнүндө Сарт акенин бир айтканынан мисал келтирели.

«Теңчиликти теңирим сүйгөн» деген кеп бар. Адамдын көксөгөнү да ошол. Бирок акыйкат теңчиликти орнотуу – кыйындын кыйыны. Менин билишимче, теңчилик чарбасы, кесиби, даражасы адамдардын бирдей абалдагы букаралардын, бирдей даражадагы, дөөлөттөгү өкүмдарлардын ортосунда гана болот. Башка жагдайларды дөөлөт теңчиликти кездештире албадым. Бийлик деген – бийлик, баш ийүүчүлүк деген – көз карандылык. Мунсуз адамдарды башкаруу жолу жок. Ошондо да бийлик адилеттүү болсо, адамдын баркы, асылдыгы, ыйыктыгы бааланса болгону. Мына ушуну да теңчиликке ыйгарса болот. Бийлик адилеттүү болсо, букаралар былк дебей баш иет. Адилет башкаруу, адилет баш ийүү да – бактылуулук. Мындай бактылуулук – канагаттанып жашоо деген эле сөз.

Тилекмат акенин адилетсиз өкүмдар Зарыпбек болушка (Боронбай өлгөндөн кийин бир жарым жыл эле болуш болгон) өзүнүн ким экендиги жөнүндө айтып бергени…

– Биз Кудайдын пендесибиз. Биздин жарык дүйнөгө келип кетүүбүз келгин куш сыяктуу убактылуу. Атаганат, колдон келсе өмүрүбүздүн башынан аягына чейин эненин сүтүндөй таза болсок кана! Кудай жараткан бардык нерсеге өз жүрөгүбүздү ардактагандай кылдат мамиле жасасак кана! Бардык адамды Кудайдын пендеси деп, тең тутуп ардактасак кана! Бардык жан-жаныбарлардын, өзгөчө адамдын убал-сообун ойлоп, Кудай жолуна шек келтирбей, аруу жашасак кана! Арман ай! Арман! Арман көп… Көкүрөктө турат, бирок колдон келбеген нерсе көп. Ошондо да колдон келбейт деп, аракетсиз жашоого болбойт. Аракеттенүү – пенде үчүн парз. Бузулганды түзөө, жаман ишти жакшы жакка өткөрүү, эч айла болбогондо оң жагына оодаруу, кемтикти толтуруу – парз. Билгенди билбегенге айтуу, билбегендин көзүн ачуу – парз. Бири-бирибизге бел болуп барда да, жокто да, кубанычта да, кайгылуу күндөрдө да эш болуу – парз. Мен ушул ыйык милдеттерди эч убакта десимден чыгарбаймын. Мен бардык замандаштарыма – улууларга, өкүмдарларга, кичүүлөргө, курбуларыма бирдеймин. Мен баарына теңмин. Кимисинде муктаждык болсо, ал менин колумдан келсе, эч убакта баш чайкап көргөн эмесмин. Менин оозумдан жок деген сөз чыккан эмес. Жокту Алла Таала мага буюрган эмес. Мен Алланын жолундагы адаммын. Менин дилимдеги, дитимдегилердин бардыгын калкым үчүн тартуу кыламын. Ошондуктан мен өзүмдү, биринчи иретте, Кудайдын, экинчи иретте элимдин кулумун деп эсептеймин. Мен калыс эмес кыйкымчыл, ичи тар, өзүм дегенде колун ийе тарт кан өзүңө окшогон өкүмдарлар менен пейилим келишпейт, ымалам жуушпайт. Мен андайлардын бийлигин да, буйругун да кабыл албайм. Кош, Зарыпбек болуш! – деп эшикти ачуулуу аттап кеткен экен, жарыктык.

Мына, асыл адамдардын кудуреттүү жол-жобосу. Алар өкүмдарларга гана кеңешчи болбостон, бүтүндөй калкка үлгү болорлук нускалуу кептерди гана айтышчу тура. Ушундай асылдыгы менен алар эл оозунда түбөлүк сакталып келе жатпайбы…

Ушул эле аттары аталган акелер Алла Таала тартуулаган касиеттүү туюмдары жагынан да окшош болушкан экен.

Мойт аке Ысык-Көлдүн күңгөйүндө жашаса да, өзүнүн айтуусу боюнча, сөөгү Тоң районундагы Кажысай айылынан өтө бергендеги Манжылы мазарына коюлган. Ошол мазарга, ал жердеги Мойт акенин жаткан жайына эл азыр да барып сыйынып-тайынып турушат.

Көзүнүн тирүүсүндө жигиттери менен Манжылыга барып, дуба окуп олтуруп, жатчу жайын көрсөтүп, жигиттерине:

  • Менин жайымды казганда тулгага асылуу казан чыгат. Аны тулгасынан ажыратпай, акырын алып койгула. Мени жайыма койгондон кийин казанды тулгасы менен өз ордуна коюп, кошо көмгүлө деген экен. Айткандай казанагынан тулгалуу казан чыккан дешет санжырачылар. Мойт жөнүндө Сарт аке:
  • Мойт абам – Кудайдын мээрими түшкөн, калыстыгынан эл батасын алган даражалуу да, даңазалуу да адам.

Анын батасы гана эмес, жөнсалды айткан нускалуу кеби да укканга эм болгон, Кудайым жарык дүйнөгө сейрек жараткан адам. Ал көзү ачык, эртеңкини туя билген, бир да сөзү сая кетпеген адам. Атаганат, баарыбыз анын кадырына жетсек кана! – дептир.

Сарт аке да Мойт аке сыяктуу сейрек кездеше турган туюму бар адам болгон экен. Эми Тилекмат акенин туюму жөнүндө бир ооз сөз:

Кокон хандыгы түндүк кыргыздарды 1807–1812-жылдары өз карамагына тарткан деген тарыхый маалымат бар. Хандыктын кыргыз жергесинде жыйырмадан ашуун коргон-чептери болгон. Анын бири Жети-Өгүз районундагы Тамга деген жерде жайгашкан. 1810-жылдын жайында Кокон хандыгынын миң башысы аталган беги Кушубек үч жүз чамалуу аскери менен Тамгага келип, салык алуу максатында Боронбай болушту чакыртат. Көрсө, көлдүк бугулар узак убактар бою өз учурунда хандыкка берүүчү салыгын төлөбөй жүрүшүптүр.

Боронбай болуш айыбын сезип, чындап эле сестенгендиктен өзү барбай, адегенде бир жигитин, андан кабар болбогон соң дагы бир жигитин жиберет. Андан да кабар болбойт. Көрсө, Кушубек бек Боронбайга сыр көрсөтүп, ал эки жигиттин тең башын алдырып таштайт. Аргасы түгөнгөн болуш Сарт акеге кеңешип, Тилекматты жиберишмек болот. Ошол түнү Тилекмат аке уйку-соонун ортосунда жатса, кулагына кандайдыр бир керемет добуш берет. Ал добуш:

– Сен чочуба. Андан көрө Боронбайдан да зобололуу тургандай тышкы келбетиңди, үстү-башыңдын көрүнүшүн жасалгалап, келишкен аргымак минип, баскан-турганыңды бектер, болуштар сыяктуу калыпка келтирип, салабаттуу мүнөз менен бир нече жасалгалуу жигиттердин коштоосунда шаңдуу барсаң болот. Калганын айттырбай өзүң табасың дегендей кеңеш жолдойт.

Тилекмат акенин да туюму башкача болгон, айтып берчүсү бардай, сөздү төгүлүп-чачылып сүйлөп бергенде ага эч ким туруштук бере алган эмес дешет.

Көлдүк санжыраларда бул окуя жөнүндө да бир нече варианттар бар.

Кыскасы, Тилекмат аке Кушубекти жайлуу кепке келтирип, салыгына макулдук берип, көлдүктөрдү дагы бир жолу азаптан куткарган.

Ошентип, Сарт акенин жүргөн чөйрөсү өз дооруна жараша жогору болгон. Көл өрөөнүндөгү болуштар Боронбай, Зарыпбек, бийлер Карга аке, Бирназар, Мураталы, акелер Алдаяр уулу Мойт, Жылкыайдар уулу Тилекмат, баатырлар Балбай, Өмүр, Жанек, Ногой, Солтонкулу бай, сарбагыштардан Жантай, Ормон хан, Төрөгелди ж.б. толуп жаткан атактуу, даражалуу адамдар Сарт акенин замандаштары болуп, алар менен бардык шартта карымкатнашта жашаган. Айта берсе бул да – узун сөз.

Сарт акенин билим-туюму жөнүндө чакан санжыралар:

Күндөрдүн биринде Боронбай өзү баш болгон бугунун жоон топ кадырман адамдары Сарт акенин үйүнө келип:

  • Карылыкка баш коюп баратасыз. Сиздин көңүлүң үздү көтөрөлү, сизден көбүрөөк тукум калса экен деген ниет менен солкулдаган жаш кыздардан, тукуму эл көргөн, эл узаткан тектүү жердин кыздарынан тандап, колукту алып берели дедик эле – деп, бир чети тамаша айтып күлдүрүп, бир чети келгендеги чын максаттарын билдирет.

Жайбаракат мейман болуп отурушканда келген мыктылар негизги максатынан алыс кетпей, кана, ойлонгулачы, ар кимиң билгенден кайсы жерде, кайсы урууда бойго жеткен сулуу кыз (илгери кыздарды 8 жаштан жогору бойго жетти деп эсептешчү экен) дешип, ой бөлүшүп турганда Сарт аке үн катат:

  • Баатырлар, кыз жаныбарды сыртынан тон бычып отурбай, эл аралап өз көзүбүз менен көрсөк кантет, – дейт. Көрсө, ошол кезде Сарт акенин кадыр-баркы өсүп, тү деген түкүрүгү жерге түшпөй турган кези экен, отургандар толугу менен макул болушат. Эртеси айыл кыдырып жөнөшөт. Бир кыйла эл аралап, жер кезгенден кий ин, Көлдүн күңгөйүндөгү өрүштүү өзөндүн боюндагы чакан айылдан толукшуган, ажары көз жоосун алган, айдай аппак, калың топко салса да жайнаган каз-өрдөктүн ичинде даана бөлүнүп турган ак куудай болгон, колго алмак түгүл бир көргөндө турпаты менен сезимге ыракат берген, сулуулук гүлдөрү эми гана ачыла баштаган татынакай кыз табышат да, аны көрүңүз деп, Сарт акеге сунуш кылышат. Аке кызды көрүп, аны жаратканга ыраа зы болсо да, тымызын ичинен муңайып, ага боору ачып, туйганын эч кимге айтпай, жанындагы кадырман-билермандарга кайрылып, дагы эл аралап көрүү ниетин билдирет. Кадырмандар акенин сунушун жандырбай, дагы кыз издеп жөнөшөт. Бир нече күндөн кийин Көлдүн тескейинен бөксө жайлоо этегиндеги айылдан чарчы бойлуу, татынакай кол сандыктай болгон, туйгундун балапанынын көзүндөй жайнаган ак саргыл кызды көрүшүп, бардыгы бир добуштан аны Сарт акеге ылайык экен дешет.

Аке аны да көрүп, бир азга үн катпай туруп, оң ийнине кулагын төшөп, кыска тынымдан кийин эл башчысы Боронбайга ызаат менен кайрылып, мынча максат кылып калган соң дагы калк аралап келүүнү өтүнөт. Бул саам да Сарт акенин илебин кайтара алышпай, андан ары жөнөшөт. Акыры көлдүн көкүрөк өрөөнүнөн, чы гаан сулуу болбосо да, кара торунун өңдүү-түстүүсү, киши жылдыздуу бир кызды Сарт аке жактырып, азиз баатырлар, ылайык тапсаңар, ушул кызды мага алып бергиле. Менин кадырыма жетүүчү адам – ушул. Бул турушу менен эле жабылуу тукум уюткусу турбайбы дейт.

Коштоп жүргөндөр үн катышпай тунжурап калганда, эл башчысы Боронбай болуш:

  • Сарт аке, биз сизге түшүнбөдүк. Тектүү жерден көз жоосун алган эки кыз тапсак, аларды жактырбай, жөнөкөй бир жатакчынын орто заар кызына көңүл байлап калдыңыз. Мунуңуз кандай? – деп суроо таштайт. Анда Сарт аке:
  • Урматтуу кадырмандарым! Чыгаан сулуу, айдай аппак кыз, чынында эле ай экен, чиркин. Ай толгон кезде жарык болгону менен, жылуулугу болбойт. Алла Таала андан сулуулугун аябаганы менен, багын байлап коюптур. Чиркинден тукум болбойт дептир. Ал эми экинчи ак саргыл кыз да гүл экен. Болгондо да адырдагы ак саргыл гүл экен. Адырдагы каксоорок жерге чыккан гүл мурда гүлдөйт да, сабактары саргыл болот. Анан башка гүлдөргө караганда гүлүн бат түшүрөт. Ошол өңдүү экен экинчи кыз. Ал төрөп, тукум берет, бирок андан төрөлгөн балдардан мыкты чыкпайт, өз жаны менен өздөрү алек болгон эле адамдар болушат.

Эми болору болду. Сиздерди көп убара кылбайын. Сиздер айткандай, мага тукум керек. Бул кара тору беш уул, эки кыз төрөйт. Болбостур, бирөө көзгө илине электе эле учуп кетет. Дагы бири менин өзүмдү тартат, бирок бечаранын өмүрү кыска болот. Калган үчөө, анын тукумдары топ жарып, топ баштабаса да эл ортосу болуп жашаган, дасторконундагы ырыскысы тиричилигине жеткен, укумтукуму өскөн адамдар болушат дейт.

Акенин айткандары чындыкка тогошоор бекен деп, баягы мыктылар мурунку эки кыздын тагдырын көзөмөлдөп жүрүшөт. Элдин айтымында, ал эки кыз жөнүндө Сарт акенин берген олуялык сыны чындык болгон экен: биринчиси төрөбөй өткөн, экинчисинин тукуму катардагы эле жанбактылардан болуптур. Ал эми өзү жактырып алганы, Сарт аке айткандай, беш уул төрөгөн: Козукен, Муса, Улак, Мойнок, Мамырбай. Мамырбай кичине кезинде эле селкинчектен учуп өлүптүр. Мойнок он сегизге келгенде эл аралап, жасоол болуп, көпкө таанылып келе жатканда көз тийип өлгөн экен. Мойноктон Кыргызбай деген жалгыз уул калган. Анысы да тың, кайраттуу, эр жүрөк адам болгон. Кыргызбайдан эки уул бар эле: бирөө өз ажалынан, экинчиси (Аралбай) чоң согушта, кечээки эле немистер менен болгон согушта курман болду. Мен балдарын көрүп калдым.

Сарт акенин калган үч уулунун тукуму Жети-Өгүз райо нундагы Ак-Дөбө айылында турушат. Мен Козукенден тараган тукумданмын: атам – Ыман, Ымандын атасы – Тыныстан, Тыныстандын атасы – Козукен, Козукендин атасы – Сарт аке.

Сынчылыгы жөнүндө экинчи мисал. Көл бугусунун атактууларынын бири Мураталы бий болгон. Күндөрдүн биринде ал Сарт акени мейманга чакырып, урмат менен сый көрсөтүп отурган маалда сырттан Мураталы бийдин кара чечекей жээни келет. Көрсө, бий өсүп келе жаткан жаш жигитти адам болор деген үмүт менен эл аралатып ээрчитип, жакшылардан таалим алсын деп, алардын сөзүн уктуруп аттап-тондоп, көңүлүн өстүрүп жүрчү экен. Сөз арасында Мураталы бий баланы сындатып алай ын деген ойдо Сарт акеге кайрылат:

  • Ушул уулуңуз келечекте кандай адам болор экен, мүнөздөп бериңизчи? – деп өтүнүп калат. Анда Сарт аке баланы шашпай көз токтотуп карап отурат. Сарт аке колундагы чай чыныга куюлган кымызды жутуп жибергенден кийин өзү угуп, шагы сынбасын деп баланы тышка чыгарып жиберип:
  • Муке, адам жаманынын эки чоң түрү болот: бири ийри жаман, экинчиси түз жаман. Ийри жаманды кыйла аракет менен түздөп алса болот. Ошондо да дээринде жамандыктын көрөңгүсү болгон соң, оңдоп алган жамандан топко жарар мыкты чыкпайт. Мындайлар келим-кетимге жарап берсе эле болду. Ийри жамандын түзөл гөнү – ошол.

Асили түз жаман оңолбойт. Ал жаратылыш түпкү лүгүнөн оңолгус түз жаман болуп жаралган. Эми, Муке, өлгөндү деле угузат турбайбы, мен ачыгын айтайын – жээниңиз түз жаман экен. Аны эл аралатып убара болбоңуз, – дейт.

Сарт акенин болочокту туя билген олуялыгы жөнүндө дагы бир мисал. Жайдын чилдесинде Алдаяр уулу Мойт аке экөө жигиттери менен Жыргалаң тараптан дагы эле Жети-Өгүз дарыясынын боюндагы жыйынга келе жатышып, ортодогу Каракол дарыясына келишсе (илгери жер ортосу деп Жети-Өгүздө жыйынды көп өткөрүшкөн) суу күкүктөп, ылай аралаш кара кочкул болуп, кирип турган кези экен. Туш келди жерден дарыян ы кече алышпай, сайроо издеп, суу ылдый жүрүп олтурушуп, азыркы Бөрүбаш айылына жакын жерден кечүү табышат.

Илгерки ата-бабалар үйгө кирип жай алганда же дасторконго карап ашка кол сунганда эле улуулук жолун тутунбастан, бардык учурда, бардык шартта улуулукту бийик урматташкан. Анын бириндей, Каракол дарыясын кечкенде улуулук наркы боюнча Мойт аке жол баштап, күрүлдөп өзөн жаңыртып турган сууга кире бергенде эле суу тизеге жаба берет. Миңген аттары чыгаан жүрүштүү, чыгаан карылуу болгондуктан, мындай дарыялардын далайын кечкен ишенимдүү болгондуктан, Мойт аке жайбаракат бастырып, суунун аркы өйүзүнө өтүп, артын кылчайып караса, Сарт аке камчысын бүктөй кармап, камчы менен суунун үстүн шапшып турган экен.

Ошондо Мойт аке:

  • Ой, Сарт баатыр, (өзүнөн кичүү болгондуктан Мойт аке Сарт акени баатыр деп эркелетчү дешет) эмне тили жок суу ортосуна токтоп ойлонгонсуп турасың, бир нерсе сездиңби? – дегенде Сарт аке:
  • Мойт аке, Сиз байкоо салбай кечип кеттиңиз, шаштыңыз окшойт. Мына бул суу добуш менен күңгүрөнүп, сырдуу агып жатат. Буюрса, ээн жаткан ушул дарыянын эки өйүзүнө келечекте чоң шаар салынып, эл жык отурукташат экен дептир. Айткандай, илгери ээн жаткан Каракол дарыясынын эки өйүзү тең кийинчерээк шаар болду.

Сарт акенин нускалуу сөздөрү, акылмандыгы, калыстыгы, чечендиги жөнүндө эл арасында азыркыга чейин көптөгөн санжыралар айтылып жүрөт.

Илгери бугу элинин Арыктан жана Белектен тараган тукумдары ич ара араздашып, бири-биринин кылганын жактырбай, өз ара кырданып жүрүшөт. Ошондо Арык тукуму:

  • Кой, минтип жүрө берүү болбостур. Жакшылап кол курайлы дагы, Белек тукумунун эси-көөнүнөн калгыс бүлгү салалы, – дешип камынып калышат. Бул кабар тез эле белектиктерге жетет. Каршылашуунун арты жакшылыкка алып барбайт. Кандай да болсо, чыр-чатактын алдын алалы. Эл бөөдө жапа чекпесин. Мындан чоң окуя лардын да жолун тапчу эле, дөөлөс Сарт акеге акыл салып көрөлү дешип, ага болгон-койгонду билдирип, киши жиберишет. Сарт аке бир аптанын аралыгында барып каларын айтат. Белекке барардан мурун Тилекматты, Токсобаны, Солтонкулу байды чакыртып, аларга деле сырдын түйүнүн айтпай, белектик 105 жашка чыккан карыя менен учурашып келели. Ал карылыкка алдырып, анын үстүнө азыркы тапта төшөк тартып калыптыр. Анын ал-ахыбалын сурап коёлу. Мурда колунан даам татып жүргөн кадырман адам эле. Тирүүчүлүк парзыбыздан кутулуп кетели деген жүйө менен жөнөп калышат.

Арык тукуму Белектен Сарт акеге кабарчы барганын эшитип калышкан экен. Тилекматты таба албай, Солтонкулу байга кезигип:

  • Биз бир аз тополоң салмайынча Белек тукуму менен элдешпейбиз. Алардын кыр көрсөткөнү сөөктөн өтүп кетти. Сарт аке барган жерде иш оңунан бүтпөй калчу эмес эле. Эгер эки урукту элдештирүү жөнүндө сөз болуп калса, силер Токсоба экөөңөр, макул болбогула. Жок, андай болбойт экен, элдешүүгө макулдук берсеңер силерди жазалайбыз, эл-журттан четтетебиз. Кыскасы, бүт жоопкерчиликти силерге жүктөйбүз дешет.

Түш ооп калган ченде Сарт акелер төшөктөгү карыянын үйүнө жакындап калганда, он жетилерге келип калган кенжеси төрдө жаткан атасына жоон топ адам келатканын, алардын арасында Сарт аке, Тилекмат аке, Солтонкулу бар экенин кабарлайт. Анда карыя:

  • Сарт аке келатса, акыл атасы келатыптыр, Тилекмат келатса, сөз атасы келатыптыр, Солтонкулу келатса, мал атасы келатыптыр. Чакыртып келтире албаган адамдар турбайбы. Элге кабар бердир. Аттарын алып, конок камын көргүлө, – дейт.

Меймандар үйгө киришип, мал-жанды, карыянын ахыбалын сурашкыча, айыл-ападагылар чогулушат. Кокту этегинде жайылып жаткан бир короо ириктен тандап, бир нечесин союшат. Эт бышып алдыга келгенде, бейтап болуп жаткан карыя кенжесине капаланып:

  • Мен сени адам болот го деп үмүттөнүп, эл аралатып жүрдүм эле. Сенден оңгулуктуу жакшы адам чыкпай калган турбайбы. Ушул адамдарга да майда жандык сойчу беле? Кайрадан казан аскыла, тай сойгула, – дейт. Анда Сарт аке:
  • Жок, байым. Бизде убакыт жок, шашылышпыз. Азыр кайра тартабыз. Ыраазыбыз, бизге ушул эле жетет десе, карыя көшөрүп болбой коёт. Меймандар карыянын шагын сындыра албай, дагы мейман болушуп, ал күнү конуп калышат.

Баргандан кеткенге чейин Сарт аке эки урук элдин чыр-чатагы, аларды элдештирүүнүн жолу жөнүндө бир ооз да сөз катпайт. Кетээрде гана:

  • Байым, эми биз кайталы. Иш көп, чоло тийбейт. Мындан ары көрүшөбүзбү, көрүшпөй калабызбы, ал Кудайдын колунда. Азыр Арык, Белек тукумунда сизден ашкан карыя жок. Эки урукка бата берип коюңуз, – дейт. Анда карыя алакан жайып:
  • Уучуңар узарсын! Жараткан ынтымак берсин! Бир туугандар ортосуна муздак жел жүрбөй, колуңарга кол болуп, демиңерге дем болуп жүргүлө! Оомийин, – деп бата тилегенде, бардыгы батага кошулуп алакан жаят.

Ошентип, карыя алдына барган максат аткарылып, эки урук эл чыр-чатагын токтотушкан экен.

Илгери эл батаны жандырбай, аны пир тутушкан. Акелер кайтып келе жатышып, Түп дарыясынын боюна токтоп, ат чалдырып калышат. Ошондо Солтонкулу менен Токсоба кабатырланышып, эми эмне дейбиз? Олда Сарт аке ай! Эгер сиз эки урукту элдештирүү жөнүндө ачык сөз козгогонуңузда, кеп башка эле. Биз көнмөк эмеспиз. Айла жок, батага көнбөй коюуга болбойт эмеспи, – дешет.

Көрсө, чыр-чатакты чечүүнүн, элди элдештирүүнүн жолу көп тура: чоң-чоң тартуу, белек-бечкек аркылуу, ишенимди уюткан жылуу сөз аркылуу, терең акыл аркылуу, бата аркылуу, кыз алышуу аркылуу…

Илгери көл бугусунда Томо деген чыгаан бай болгон. Эрте жаздан ал малын кыштоодон көчүрүп, бөксө жайлоого чыгып калат. Мал жаңы конушка барары менен көз ачырбай бир нече күнү-түнү кара нөшөр төгүп, отун суу болуп, тамак-аш бышырып иче албай жутап калышат. Отун жок, айла кеткенде Томо кыштоодо калган мамыларды алып келгиле деп, жигиттерин жөнөтөт. Алар келишсе, баягы мамылар жок. Көрсө, журттагы мамыларды дөөлөс Мурат деген кембагал жатакчы жагып алыптыр.

Жатакчынын суроо-сопкуту жок мамыларды жагып алганына Томонун ачуусу келип: «Балтырдагы бит башка чыгат» деген ушулбу? Мен аны чоң жазага тарттырайын деп, алдын ала Мураталы бий менен кеңешип жазалоо ишин баштамак болот. Доо каралчу күндү белгилешет. Айласы түгөнгөн Мурат жатакчы туугансып Сарт акеге келип, болгон-койгонду айтып, жардам сурайт.

Доо каралчу күнү Сарт аке эл чогулган жыйынга келип, шек алдырбай иштин жайын билмекчи болот. Мураталы бий доо ишин карамакчы болгондо, Сарт аке Мураттын жанына келип, камчы үйрүп жемелеп:

  • Атакөрү жаман! Сен эч нерседен капарсыз кайда жүргөн немесиң? Эмдигиче тоо-токой Томонуку экенин, ой-түзөң Боронбайдыкы экенин билбейсиңби? – деп жемелей баштаганда, Томо сөзгө сынып:
  • Койдум, койдум, Сарт баатыр. Бул доо сизге жакпай калды деп, доосун жандырганда, Мураталы бий да кепке сынып, эч нерсеге татыбаган доо койдурасың. Бар, Мурат балам, сен бошсуң деп, кембагалды жолго салат.

Ошондон кийин эл арасында: «Тоо Томонуку, ой Боронбайдыкы», «Карөзгөй кишиде калыстык жок» деген ылакап калыптыр.

Тилекмат Тилекмат болуп, бүт бугу элинин ишеничтүү адамы болгондон тартып, эл жүгүн аркалап, көбүнчө үйүнө байыр албай калат. Ошондон улам Тилекматтын үчүнчү аялы Кенжеке байынан күмөн санап: «Бул эмне кылганы, үйүм, бала-чакам бар дебесе, мал-жанга карабаса, мени салбар кылып таштаганы жүрөбү? – деп бир кыжалат болсо, өзүнөн улуу эжелери (Тилекматтын байбичелери) ого бетер көкүтүп, биз го биз, сага эмне кош көңүл болот? Сенин ондон бир гүлүң ачыла элек жашсың. Сен адам чангандай катын эмессиң дешип, кулагынын кужурун алышат. Өз күмөн оюна жана көкүткөн сөздөргө жеңдирип, Кенжеке бу көрөкчө кетейин деген бүтүмгө келет. Тилекмат үйгө келген сайын жаагын жанып долуланып, байынын айткан кебине көнбөй калат.

Болбостур, муну эстүү аял деп жүрсөм, тескерисинче чыкты. Кадырга жетээр түрү жок. Эмитен кара жаак чыкса, түбөлүгү түз болбойт. Андан көрө эртерээк кутулайын деп, байталга ыңырчак токуп, үч жолу талак айтып кетиргени жатканда Сарт аке жумуштап келип калып, чырдын үстүнөн чыгат. Тилекмат салам айтат. Кенжеке болсо жүгүнүп, ыйлап кирет. Болгон окуяга түшүнгөн Сарт аке:

  • Ээ, Тилеш (Сарт аке дайыма ушинтип эркелетчү экен), бул эмне кылганың? Өзүңдү өзүң билип, шаар бузулуп жатканда ага-тууганга кеңешпей!.. «Ачуу – шайтан, акыл – дос», «Оң колуңдун ачуусу келсе, сол колуң менен токтот» деген сөздү эстен чыгардыңбы? Сен башка тоюп кеттиңби? – деп жемелеп кирет. Анда Тилекмат аке:
  • Ээ, аба, бугу элине эмес, казакка, сартка (ал кезде өзбекти сарт дешчү), сарбагышка кадырым болсо, анан ушул өз катыныма баркым жокпу? – дегенде Сарт аке:
  • Ырас, Тилешим! Сен оңго, солго бүт таанылдың. Ал башка кеп. Сен катындын күчү тилинде экенин билбейсиңби? Катын тили менен эр башкарат, өзүңө окшогон даанышман адам акылы менен эл башкарат. Ушунча элге баш-көз болуп туруп, ушул Кенжеке келинимдин ички дартын туя элексиңби? Үй-бүлөгө назар сал, мээримиңди төк. Үй-бүлөнүн түйшүгү да оңойго турбайт. Өңүңдү көргөн тууганга, этиңди көргөн катынга барк өтпөйт. Талак айтып оозуңдан чыгып калган өңдөнөт. Кой, антпе. Молдону, айыл-ападагыларды чакыр. Кайрадан нике кыйылсын. Тилешим, катынга өчөгүшүп бир жаңылыпсың… Кенжеке балам, отурган кыз ордун табат. Эрди-катын эгиз эмеспи. Тилешим сени менен эгиз. Ал эл түйшүгүн тартып жүрүп келгенде, капа кылбай жүр. «Эр кызганган катындан түңүл, эл бузган ушакчыдан түңүл» деген макал бар. Сени да азгыргандар бар көрүнөт. Сен, балам, Тилешимден баар табасың, учуң узарат. Акыры этегиңден жалгап, бир башың он болсун. Балам, сенден эл башкарган уул төрөлөт, – дептир. Сарт аке айткандай, Кенжеке байбиче сегиз уул төрөгөн. Алардын ичинен Чыныбай мыкты чыгып, эл башкарган. Башкалары да тың чыккан.

Боронбай болуш жүрөгү ооруп, мүрт көз жумгандан бир аз өткөндөн кийин анын уулу Өмүрзак Сарт акемдин айтканы айткандай, дегени дегендей келчү эле. Жарыктык эми карылыкка моюн сунуп, элди көп аралабай баратат. Атам Боронбай экөө жаштайынан сырдаш эле. Акем көптү көргөн, көптү билген, не бир доо, чыр-чатактардын ажатын ачып, так калыстык менен иш бүтүргөн, ак көңүл, ак ниет, бар-жокко бирдей караган, абдан боорукер, ырайымдуу адам эле. Атам өлгөндөн кий ин аны болуштук ордун ээлеген Зарыпбек да ала койду бөлө кыркып, бир чети ичи тардык, бир чети көрө албастык кылып, Сарт акени да, Тилекмат акени да, жер ооп келген өгөй адам катары санап, Тилекматты кур жалаа менен абакка салдырды. Сарт акени карыды, эми андан агылып акыл чыкмак беле деп, көз көрүнөө четтете баштады. Зарыпбектин түбү акыры оң болбой турган жагына бет алды. Мурдагы мыктылардын эч кимиси менен алака күтпөй калды. Ак жерден Тилекмат түшкөн торго акыры өзү түшөр.

Сарт аке көп эле адамдарга батасын берип жүрөт. Анын өзгөчө баталары боло турган. Атам менен тең урматтап, көп эле сый көргөздүм. Бата сурасам, мага да чечилип батасын берээр. Жакшы бата берсе, аттап-тондоп узата йын деп, Сарт акени үйүнө мейманга чакырат. Мейманчылык соңунда Өмүрзак оюндагы тилегин айтып, акенин бата берүүсүн өтүнөт. Ошондо Сарт аке чөгөлөй калып кыбыланы карап, алаканын кенен жайып:

  • Өлүп көбөйгөн мал берсин, ооруп айыккан баш берсин, оомийин, – деп эки ооз гана бата берген экен.
  • Сарт акем мага чын дилден бата бербеди. Акем жеке эле Зарыпбекке таарынбастан, баарыбызга таарыныптыр го деп ойлоп, Өмүрзак кош айтышып, Сарт акени жөнсалды узатып жиберет.

Дал ошол маалда Мойт аке 2–3 киши аттанып кеткенин көрүп калат. Бирок алардын ким экенин картайган адам тааный албайт. Мойт аке аттан түшүп, аманчылык сурашкан соң, үйдөн аттанып кеткендер ким экенин сурап калат. Өмүрзак Сарт акени коноктогонун, берген батасын, ал батага ыраазы болбогонун айтат. Мойт аке Сарт акенин кандай бата бергенин сурап калат. Өмүрзак болсо анын берген батасын төкпөй-чачпай кайталап берет. Мойт аке Өмүрзактан кандай шарт менен узатканын сурайт. Өмүрзак жөн-жай эле узатканын айтат. Анда Мойт аке:

  • Олда, балам ай ээ, бекер кылган турбайсыңбы. Мен Сарт баатыр менен түбүбүздөн бирге жүрөбүз. Анын сырын жакшы билем. Мындай батасын ал чечилген гана кишисине берет. Сага аялуу батасын, чын пейилден чыккан батасын берген тура. Бул – анын жумурундагы батасы.

Көп алыстай электир. Артынан киши жиберип, кайра чакырт, – дейт. Жиберген кишиси жете барып:

  • Ата, Өмүрзактыкына эми эле Мойт аке келди. Ал экөө сизди кайрылып келсин деп жатышат, – дейт.
  • Ии, балам, айтып кой, бата деген бир гана болот. Бата сатылбайт. Эмки жаз келгенде көрөт, ошондо түшүнөт, – деп Сарт аке бастырып кетет. Жигити кайра келип, Сарт акенин жообун айтат.

Айткандай, ошол жылы кыш оор болуп, элди жугуштуу кара тумоо каптайт. Өмүрзак өзү баш болуп, үй-бүлөсү ооруйт, бирок эч бири өлүмгө учурабаптыр.

Жаз өтүп, эл жайлоого көчүп барганда, Өмүрзак бугунун мыктыларын Сарт акеге кошуп чакырып, акенин алдына түшүп кечирим сурап, эл алдында аттап-тондоп узаткан дешет.

Сарт аке токсонго таяп калган кезинде, айтылуу Сары өзөн Чүйдөн Мүсүр деген бир жаш манап жигит акенин даңкын угуп, батасы жакшы дейт, берген батасы сая кетпейт дейт. Эмнеси болсо да эл-жер көргүчө аке менен жүз көрүшүп, бетме-бет акыл сөздөрүн угуп, алдынан өтүп батасын алып келейин деп келип калат. Ал Сарт акенин үйүндө беймарал мейман болуп отурганда:

  • Аке, Ысык-Көлдүн айланасы, аны курчап турган күңгөй, тескей тоолордун өрдөшү кенен, малга абдан жайлуу келет деп укчу элек. Айткандай эле жер-суусу кенен экен, көз жоосун алган кооз экен. Көлдө байлар көп деп укчу элек, чыгаан байлардан канчасы бар? – деп сурап калат. Анда Сарт аке:
  • Балам, мен билгенден 3–4 эле бай бар: мына танапташ жерде Тилекмат деген бар, анын жети катынынан он сегиз баласы бар, биринчи бай – ошол, Арыктан Сарыкенин 13, коңурат Карабектин – 12, желдең Карганын 11 баласы бар. Бай деп ошолорду айтабыз. Балам, чын-чынына келгенде, башы өскөн адамдан ашкан бай болбойт. Ал эми өрүш толо мал түбөлүк байлык эмес, кампа толо жыйып койгон дүнүйө байлык эмес. Мал болсо – бир кыштык. Кыш каарына алып, же кара жут болсо, же ат баса албас калың кар түшүп, мал тээп жей албай калса, малдан кол жууп калат. Кампа толо дүнүйө да түбөлүктүү эмес, буюрса ээсиники, буюрбаса же өрт менен же суу менен, же ууру колдуу болуп жоголот.

Балам, байлык жөнүндө дагы бир айтайын дегеним бар, ашык көрбөсөң эсиңе түйүп кой. Адам ар кандай эмеспи. Негизи эле адам пейилинен табат. Короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, үй толо дүнүйө болсо, бирок пейил тар болсо, дүйнөдө мындан жарды адам болбойт. Малдын түгү жок, үрүп чыгар ити жок, мыёологон мышыгы жок, сызга отурган жарды болсо, ошого карабастан, жаратылышынан пейили кенен болсо, акыйкатта мындай адам – бай адам. Балам, мал-жан күтсөң, кенен пейил ди кошо күт. Кээ бир адам болот – түк күткөн сайын дагы көбөйтөм деп алектенген. Анын сарсанаасы көбөйтүүдө болуп, пейли тарып,сараң тартып калат. Сараң адамда ынак дос, жанбирге тууган, эзилишип эришкен сөөк болбойт, жалгыздап калат. Мындан ашкан жардылык болобу, – дейт.

Нускалуу сөздөрдү угуп, көңүлү ыракатка баткан манап 2–3 күн өрү болуп кетээрине бир күн калганда, жигиттерине жетелете келген байтал бээни сойдуруп, атайы камдай келген ээр-токумдуу келишкен жоргону тартуулап, бата берип коюусун өтүнөт. Ошондо Сарт аке:

  • Балам, турмушка моюн тозгон – абзел иш. Толсоң – бөксөрбө, чайпалсаң – төгүлбө, узарсаң – кыскарба, өмүрүң текке кетпесин, сөзүң сая кетпесин, Алла Таалам өмүрүң менен пейилиңе береке берсин! Оомийин, – деп бата берген экен.

Ошентип, түнү бою Сарт акенин айткан нускалуу сөзүнө, чечилип берген батасына ыраазы болуп, Мүсүр манап элине кайтыптыр.

Кимде кандай касиет бар?

Илгери көлдүн күңгөйүндөгү Чоң Аксууда чоң жыйын болуп, бугу, сарбагыштын алыш-бериш өз ара дооматтары жөнүндө сөз болот. Бардык иштер оңдуу, чыр-чатак, талаш-тартышсыз чечилет. Ошондон кайра келе жатышып, Тасмада күздөөдө отурган Алыбектикине жоон топ көл мыктылары келип түшүшөт. Сөздөн сөз чыгып отуруп, бир оокумда Бирназар бий атам: Сартбай балам, биз көрүп-билип жүргөн мыктылардын кимисинде кандай касиеттери бар? Ошол жөнүндө айтып берчи. Илгери-ки йин бала-чакалар Сарт акебиз айткан экен деп эстей жүрүшсүн дегенде: «Болуптур Бирназар ата, билишимче айтып берейин»,– деп мыктыларды мүнөздөгөн экен:

  • Ата-бабабызды билели дегендер, Бирназар ата, сизге барышсын, исламды ыйык тутуп, Кудайдын кулу, Мукамбет пайгамбарымдын үмөтү болом дегендер Мекеге, Мединага барышсын, Кудайдан ыйман тилегендер касиет түү Сулайман тоосуна барып сыйынышсын, болочокту билгиси келгендер азиз Калыгул акеге барышсын, бата тилегендер батакөй Мойт акеге барышсын, убададан тайбаган жолдош асырагысы келгендер чоң Карачка барышсын, улуу жаш, өскөн баш сурагандар Карга бийге барышсын, мал сурагандар Чолпон атага сыйынышсын, Кудайдан улуу тилек кылгандар Манжылыга тайынышсын, түз жол сурагандар кичи Карачка барышсын, отун, өскөн дарак сурагандар Томого барышсын, бийлик, өрүш сурагандар Боронбай султанга кайрылышсын, боосу бек бий болом дегендер Мураталыга барышсын, жоктон бар кылган айлакер болом дегендер Тилекматка барышсын, эл багам, эл коргойм дегендер Балбай баатырга, Өмүр баатырга, Жанек, Ногой баатырларга барышсын, сыр сурагандар Алыбекке барышсын, чырды каалагандар Чагал дакка барышсын, малдуу болом дегендер Солтонкулга барышсын, кыз тандагандар Жантайга барышсын, өкүмдар болом дегендер Ормонго барышсын, кара кылды как жарган калыс болом дегендер Шаменге барышсын, тукуму билимдүү болсун дегендер Байтик баатырга барышсын, манап болом дегендер Чокого барышсын, «Манас» угам дегендер Чоюкеге барышсын, табыят сырын, жыл болмушун билем дегендер Маанакеге барышсын, орус жайын билем дегендер Качыбектей болушсун, калмак жайын билгиси келгендер Чурумга барышсын, Кокон хан ордосунун сырын билгиси келгендер Алымбек даткага барышсын.

Бирназар ата, кыргыз арасында булардан башка да элжурт ка алымдуу, кадырлуу, ханга, бекке тете мыктылар көп. Алардын баарын санап отурса арбын эле. Дегинкиси, мыкты деп билип, ынтымактуу болсок, атагыбыз-даңкыбыз Урумга, Кырымга, бүт Ааламга даңаза болор. «Алтоо ала болсо, алдындагысын алдырар, ынтымактуу болсо, ободогуну алар» деген кеп бар эмеспи. Сеники, меники деп бөлүшпөй, түндүгүбүздөн түтүн булатсак, колтугубузду душманга ачпасак, жумурай журтубуз ирегелеш, ырыскылаш болсо, ким биздин арабызга муздак жел жүргүзө алат? – деп сөзүн кыска аяктаганда, бул айткандарыңдын калети жок, акылманым, ойдо кала турган сөз болду, – дешип үйлөрүнө кайтышкан экен.

Жеңилбей турган нерсе жок.

Илгери көл мыктылары чогуу-чаран жайкысын айтылуу Каркырага жайлоочу экен. Колунда барлар айылайылы менен өрдөш жайыт бере баштаганда эле тоо таяна беришчү дешет. Ошондой жылдардын биринде Мойт аке, Боронбай султан, Зарыпбек мыкчыгер, бала Карач, Тилекмат аке, Сарт аке жана Балбай, Стам, Жанек, Ногой баатырлар Каркыранын Жүрөк деген жерине келип, өрүү болуп калышат.

Ошол жылы көл айланасына кар калың түшүп, кыш оор болот. Анын үстүнө жаздын мойну да узун болуп, малжан зыянга көп учурап, элдин бели майтарылып, кыйла эл мүңкүрөп, ачарчылык, тумоо каптайт. Ар айыл да болгон чыгашаны, жокчулук, жакырчылыкка аргасыз моюн тосуп, өлбө жаным, өлбө менен илкип калгандарды кеп салышып, алдуу алсызды түгөлдөп отурушканда, Сарт аке:

  • Кудайдын башка салганын көтөрбөскө чара жок. Башты жерге салып, эскерип муңайгандан пайда жок. Мал өсөт, баш өсөт. Өскөн жоктун ордун толтурат. Бул жалганда жеңилбей турган нерсе жок. Калайык ынтымактуу болуп, бардары жогуна каралашса, бул абалдан да чыгабыз: жокчулукту барчылык, өлүмдү тирүүчүлүк жеңет, бөксөнүн да орду толот, асили алсызды алдуу, кем акылды акылдуу, бейнасипти насиптүү, ыймансызды ыймандуу, жакырчылыкты бакырчылык жеңип, адам жашоосу мына ушинтип уланып келген. Жашоо бир калыпта болбойт, бай тукуму түбөлүк бай бойдон калбайт, жарды, анын тукуму түбөлүк жарды бойдон калбайт. Турмуш, жашоотиричилик деген оошот: атүгүл бай жардыга, жарды байга айланат. Келме кезек деген ошол. Тирүү болсок баарын жеңербиз. «Өлгөн арыстандан тирүү күчүк артык» деген кеп бар эмеспи. Элдин тирүү калгандарына каниет кылалы. Жашоодо болгон-койгондун баары убактылуу, баары буюрганына жараша: алдың толо аш болсо да, буюрганын жейсиң. Бул жалганда Алла Таала шыбаа кылган үч кайыптын негизинде өмүр сүрөбүз: даам кайып, нике кайып, жүз кайып делинет. Өткөн кыш алаамат түшүрдү, оор болду. Кыш бою бири-бирибизге катташа албай калдык эле, эми минтип аман-эсен калгандарыбыз жүз көрүшүп отурабыз. Шыбаа болуп, даам кайып буюрган экен, минтип бет маңдай даам татып отурабыз. Кудайдын мунусуна да шүгүр.

Бул кышта көлдүн көкүрөк жагында болуп (көлдүн көкүрөгүндө кардын калыңдыгынан ат бура тартып баса албай калган дешет), Карга абадан кабар ала албадыңар. Көзүнүн тирүүсүндө Тилекмат экөөбүз араңдан зорго барып учураштык. Кудай сүйгөн карыянын батасын алдык. Баарыңа бизден дубай салам айттырган. Карга абанын кайтыш болгонун көкүрөккө, кечигип болсо да, биз кабарладык. Эми баарыбыз чогулуп куран окутканыбыз болсун, жылдык ашын бала-бакырасы менен бирге чогулуп өткөрөлү, кандай дейсиңер? – дегенде баары макул болушуп, ошол эскерип отурган жеринде Карга атага арнап, куран окутушкан экен.

Ушул отурушта Карга атанын берген батасын Сарт аке көпчүлүк алдында айтып берет:

  • Ээ, каректерим, силерди суу атасы Сулайман колдосун, Аалам атасы Көкө Теңир колдосун, ашуусу бийик тоо атасы Дабан колдосун, мал атасы Кайберен колд осун, – деп демин ичине алып, ойлонуп батасын улайт:
  • Күтүүсүз бүлүк салган көчкүдөн сактасын, жалындап күйгөн өрттөн сактасын, капыстан келген жоодон сактасын, агыны катуу селден сактасын, күбүр сөздөн, каардуу хандын касабасынан сактасын, көр азаптан, жол азабынан сактасын, айтканыңар элге эм болсун, зоболоңор хандар менен тең болсун, эл арасы бейкут болсун, оозуңарга алганыңар чындык болсун, дитиңерге келген оюңар ишке ашсын, элди бузганды жер көчкү бассын, жайытыңар жайлуу болсун, өрүшүңөрдү мал бассын, балачакаңар жөндүү болсун, кыз-кыркыныңар эптүү, көрктүү болсун, үйүңөрдөн ырыскы-даам өксүбөсүн, кап-куржунуңар бөксөрбөсүн, быйылкыдай кыштын жутунан сактасын, үйүңөр жыртык болбосун, үзүк, туурдугуңардын өңү өчпөсүн, очогуңардан от өчпөсүн, дасмалыңардан аш кетпесин, аял испеттүүнүн чачы кыркылбасын, элиңерге даанышманыңар баш болсун, – деп алакан жайып, дилиндеги ак батасын бериптир.

Алла Таала менден жашты (жүз онго чыккан дешет), өнүп-өскөн башты аяган жок (Карга ата он эки уул көрүптүр). Менден бата сурагандар көп эле болду, бирок жашты эч ким сурай элек эле. Тилекмат балам жаш сурады, ага жашымды бердим, укум-тукуму өссүн деп тилек кылдым дептир. Батасынын бири төп болуп, Тилекмат аке он сегиз уулдуу болгон экен.

Акеш ИМАНОВ

КЫДЫР АКЕ

«Урушпай ажырашсаң, уялбай учурашасың». Кыдыр аке

Азыркы доор, учур, мезгил талабы кыргыздын учун улап, кыйырын узартып, өз мезгилинде эл үчүн кызматын, жанын, канын аябай өткөн адамдарыбыз бар. Алардын эмгегинин өз орду, өз деңгээли менен эл арасына кеңири белгилүү. Арийне, алар чын дили менен, адамгерчилик бийик сапаттары, акыл-эсинин чен-учуму менен эл-жер үчүн аракеттенген бийик инсандар болгон. Курманжан датка, Садыр аке, Шабдан, Байтик, Балбай д.у.с. инсандар калк арасында кадыр-баркка ээ болуп, «акты ак» деп, «караны кара» деп, эл-журт үчүн орчундуу маселелерде кара кылды как жарган калыс, карапа йым калктын жашоосуна көз салган, жол көрсөткөн адамдар болушкан.

Ошондой инсандардын бири – Кыдыр аке. Кыдыр аке 1843-жылы жай айларында касиеттүү Ысык-Көлдүн баш жагындагы Аксуу аймагындагы Сырт өрөөнүнүн Эңилчек деген жеринде Дүңгүрөмө конушунда (Хан Теңири тоосунун этеги) жарык дүйнөгө келген. Санжыраны кошо ала кеткенибиз оңдур. Кыдыр аке кыргыздын оң канатынан. Тагай бийдин уулу Кылжыр (Сарбагыш), Кылжырдан Орозбакты, Орозбактыдан Арык мырза, Арык мырзадан Жоотатыр, Жоотатырдан Күчүк, Күчүктөн Сейитказы, Сейитказыдан Бобен, Бобенден Түлөберди, Түлөбердиден Олжобай, Олжобайдан Байсары, Байсарыдан Кыдыр. Кыдыр туулгандан он чакты жыл өткөндөн кийин Ысык-Көлгө орус падышачылыгынын бийлиги орноп, кыргыз эли алардын башкаруусунда калат. Эң алгачкылардан Каракол шаары негизделип, андан кийин Түп куймасындагы Николаевка, ал эми Жыргалаң суусунун куймасында Михайловка деп аталган эки хутор жайгашат. Экөө тең орус падышаларынын атынан коюлат. Ал эми ал хутордогулар дээрлик көпчүлүгү казак орустардын тукумдарынан болгон. Көп узабай эле Акcуу кыштагына биринчи, Каракол шаарына экинчи чиркөө салынат да, андан бир аз убакыт өтпөй эле аскердик чеп курулат. Ал курулуп бүтөрү менен эле Каракол шаар аталып, ЫсыкКөлдөгү падышачылык Россиянын өзүнчө бир уезди деп жарыяланат. Ал уезддин карамагына Ысык-Көл, ТяньШань өрөөнүндөгү бардык элдер баш ийип калышат. Бул эки дубан элди бир оёз башкарып, анын орун басарлыгына үч жылда бир жолу шайлоо өткөрүлүп, кыргыздарда султан шайланып турган.

Биринчи султан болуп, атактуу Боронбай хандын уулу Зарыпбек шайланат. Зарыпбектен кийин Жылкыайдар уулу, атактуу чечен Тилекмат аке шайланат. Мыйзамга жараша, бул инсан дагы калыстыгына, улуу адамгерчилик касиеттерине карабай үч жылдан кийин султандыгын өткөрүп берген. Үчүнчү шайлоодо Байсарынын (Кыдырдын атасы) иниси Токсоба жеңишке жетишип, Каракол уездинин жардамчысы же султандык даражага ээ болгон.

Бала кезинен үйүнө келген Кыдыр аке дал ошол мезгилде Токсобанын үйүндө чоңоюп, келген-кеткен, карымкатнаш, калк арасындагы ооматтуу турмуш жөнүндө алгачкы ой-сабаты, аң-сезими боюнча турмуштук терең сабак алган.

Элибизде «Аккан арыктан суу агат» деген сыңары Кыдырдын чоң атасы, Токсоба менен Байсарынын атасы Олжобай дагы кыргыз менен калмактардын ортосундагы өз ара мамилелерди жакшыртууга аракет кылган элчи адам болгон. Элчилик даражасынын өсүшү менен эки элге алынган Олжобайдын бара-бара кадыр-баркы жогорулап, бугу элинин бийи болуп, Арык тукумун башкарып турган. Ошол бугу элинин бийи болуп турган 1824-жылдары калк арасында кадыр-баркка жетишип, эл бийлеп калган Качыбек, Алымбек, Акынбек, Жапалак деген жигиттери менен орус падышасына сүйлөшүүгө Петербургга жөнөшөт. Бирок алардын падышага тарткан сапары жөнүндө маалымат алган Батыш Сибирдин генерал-губернатору Олжобай баштаган кыргыз өкүл дөрүн Петербургга өткөрбөй, өзү кабыл алып, аларга баалуу сыйлыктарды тапшырып, сый-урматты аябай көрсөтүп, бир жыл дем алдырат да, 1825-жылы аларды 50 аскердин коштоосунда кайра жерине чейин узатып келишет.

Орустар менен алака түзүп, соода-сатык жүргүзүп, негизинен, курал-жарак алууну максат кылган Олжобайлардын үмүтү ишке ашпай калат. Ал кездеги Орусия империясынын колониалдык саясаты Орто Азиядагы майда калктарга курал-жарак сатпоо жана аларды кандай гана жолдор менен болбосун көз карандылыкка алып келүү болучу. Аны ишке ашыруу үчүн мурдатан эле иш-чаралар иштелип чыгып, орус падышасы тарабынан бекитилип койгондугун букара кыргыз кайдан билсин.

Орустардын жакшы мамилесине, берген белек-бечкектерине ыраазы болуп, коштоп келген орус аскерлерин меймандап, жер көргөзүп кайра узатышкан Олжобай эли, кийин дал ошол өздөрү көргөзгөн жол менен орустар биринчи болуп Ысык-Көлгө түшүп келээрин ойго алышкан эмес. Деген менен орустардын аларды бекеринен узатып келе жатпаганына зирек адам ошондо эле түшүнүп, Боронбай ханды да, Балбай баат ырды да бир нече ирет эскерткен. Бирок өз ара уруучулук араздашуу, бири-бири менен болгон чоң кыргынга айланган чабыш, атаандаштык, бирдиктүү бийликтин жоктугу, акыры жүрүп Орусиянын колониясына айланууга алып келди.

Ошентип Кыдыр Олжобайдын уулу Токсобанын колунда чоңойду. Эл көрдү, жер көрдү, жакшылар менен жаматташ, далай эл бийлеген адамдардын колуна суу куюп, Тилекмат, Зарыпбек, Боронбай, Мураталы, Качыбектер менен табакташ болду. Сарбагыш, бугунун топ жыйынында атактуу акын Солтобай акын айткандай:

«Тээтиги, ак боз ат минип залкайган,

Токсобанын Кыдыры,

Ак дилден элин башкарган,

Ал акылга кенен шыдыры… –

болуп аброю артты.

Ал кезде Ысык-Көл, Тянь-Шань өрөөндөрү Каракол уезди болуп, тогуз болуштукка бөлүнгөн. Алардын бири Арык тукуму өзүнчө болуш болуп, биринчи шайлоо өткөрүлөт. Шайлоо бир топ күнгө узарып, акыры чырга айлана баштайт. Эл ичин туя билген аксакалдар өздөрүнчө жыйын кылышып, кеңеш курушуп, дегеле мурда бийликте болбогон жаштардан болуштукка шайлоону чечишет. Талашып-тартышып олтурушуп, алардын пикирлери Кыдырга токтолот.

Ошентип, Кыдыр он сегиз жашында Арык тукумунун болушу болуп шайланат. Кыдырдын бул кызматка келгенден баштап, кадыр-баркы жогорулап, анын калыст ыгы, кеменгерлиги, көрөгөчтүгү көпчүлүк элге аңыз болуп кетет. Өзүнүн адамдык улуу парасатынан улам алты жолу катары менен болуштукка шайланып, он сегиз жыл өз элине ак ниет кызматын өтөп келген. Бара-бара анын атына «аке» деген сыйлуу, урматтоо сөзү кошулуп, «Кыдыр аке» атына конгон. Мындай урматтуу сөз көл өрөөнүндө көп адамга берилген эмес. Алар саналуу гана болгон. Ошол күндөн ушул күнгө чейин мындай татыктуу ат менен алты гана инсандын атын атап келишет: Сарт аке – Дөөлөс уруусунан; Мойт аке – алдаяр уруусунан; Тилекмат аке – белек уруусунан; Садыр аке – саяк уруусунан; Карач аке – калмак-чурум уруусунан; Кыдыр аке – арык тукумунан.

XVIII кылымдын (1850–1870-жж.) ортосунда кадимки Ормон хан болуп турган учурда эл-журт үчүн акыйкат кызмат кылган, колдорунун келишинче кыргыздарды кыяпат, кыргындан сактап калышкан Сарт, Мойт, Тилекмат акелер болушкан экен. Ормон менен Балбайдын кандуу кагылыштарында алар мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, бир атанын эки уулунун тукумдарын аман сактап, ынтымакка тартып, башын коштуруп келген мына ушул акелер болгон. Буга тарых күбө. Алар жөнүндө, алардын калк арасындагы кадырман саясаты жөнүндө өзүнчө терең баянды талап кылат.

Экинчи мезгил – он тогузунчу кылымдын аягы, жыйырманчы кылымдын башына туура келет. Ушул мезгилде дагы Көл боюнда Садыр, Карач, Кыдыр сыяктуу инсандар ишмердүүлүк менен эл башкарып, «аке» деген ардактуу наамды алышкан. Садыр аке Карач менен Кыдырга караганда улуу болгон, бирок Кыдырга жаш кезинен баа берип, эл арасындагы маанилүү маселелерди чечүүгө катыштырып, замандашы, курдашы катары жылуу мамиле кылган.

Кыдыр дагы жаш кезинен ушундай улуу инсандар менен чогуу жүрүп, алардын таалим-тарбиясын, тажрыйбасын алып калды. Карапайым калкка дайыма калыстык менен мамиле жасап, кара кылды как жарган калыс адам болуп чыкты. Анын өмүр жолу санжырага айланып, ушул биздин күндөргө чейин ал жөнүндө урмат-сый коштогон аңыз, аңгемелер айтылып келет.

Кыдыр аке он сегиз жыл болуштук милдеттерин аткаргандан кийин өз өтүнүчү менен өткөрүп берген, бирок эл арасындагы кадыр-баркынын чоң экендигин сезген уезддин башчысы аны өзүнө дайыма кеңешчи катарында алып жүргөн. Кыдыр аке 1916-жылдан 1926-жылга чейин, Совет бийлигинин тушунда деле эл арасындагы эң орчундуу иштерге салымын кошкон инсан. 1925-жылдарга чейин совет бийлигине баш ийбей, ал тургай ага кошулбай, Кыргыз–Кытай чек арасы болгон Көйкаптагы ондон элинин Жакшылык, Жантай урууларын Кыдыр аке совет бийлиги тарабынан зордук-зомбулук көрсөт түрбөй күчкурал колдондурбай элге, Көл өрөөнүнө көчү рүп келген. Аксуу районундагы Керегеташ айлында азыркы учурда жашап турушкан Эштек атанын тукумдарынын жер которуусу тууралуу уезддик төбөлдөрдүн чечимин ишке ашырууну да Кыдыр аке токтоттуруп, ынтымак менен ошол аймакка алып калган.

Ал эми Каракол шаары жаңы эле түптөлө баштаган 1866-жылдары өз болуштугунан алдуу-күчтүү жигиттерди жыйнап, тоо таянган өрдөштөрдөн ат, өгүз, төөлөр менен карагай тарттырып, шаардын пайдубалын курууга чоң салым кошкон.

Такталган окуялардын бири катарында Кыдыр акенин Россия империясынын накта төбөлдөрү Романовдордун династиясынын 300 жылдыгына арналган чоң мааракесине 1913-жылы катышып келгендигин далилдүү мисалдар менен айтып келишет. Анын үстүнө тарых тастыктагандай дал ушул мааракеге карата Санкт-Петербургдагы падышанын ак сарайынын аймагында жапайы айбанаттардын «айбанканасы» курулуп, ага падышанын карамагындагы бардык аймактардан айбанаттар чогултулуп жаткан мезгил эле. Азиянын кызыл чаар жолборсун кармап алып баруу ал кездеги оёзго тапшырылса керек, ал эми болуштарга оёздон аны аткаруу үчүн катуу буйрук алышат. Акыры болуштар ар кимиси өз алдынча далалат кылышат, бирок Чонтой мергендин аракети менен Кыдыр аке гана жолборстун баласын Нарынкол тараптан таап, карматып келет.

Ошондон улам болсо керек Романовдордун 300 жылдык тоюна Кыдыр аке да чакырылып, баягы карматып келген жолборстун баласын өзү жеткирип барып, падышага тартуу кылат. Кыдыр аке ал жерден баалуу белектерди алып, ошол мезгилде өтүп жаткан төртүнчү думага катыштырып, генерал-губернатордун жардамчысынын бийлигин чексиз бекитип, падышалык аскердин полковниги деген наам алып кайтат.

Маалыматыбызга караганда Кыдыр аке бул чин кийимин 1916-жылы эл үркүп, Кытайга качып жаткан кезде гана бир жолу кийгендиги айтылат…

Россия империясынын Германия менен болгон биринчи дүйнөлүк согушу создугуп, орус аскерлеринин катары суюлуп, алсырай баштаганынан улам Орто Азия элдеринен аскерге алуу жөнүндө падышанын атайын буйругу жарыяланат.

Мына ушул 1916-жыл кыргыз элинин тарых барагында Улуу Үркүн жылы катарында кара тамга менен басылып калды. Миңдеген кыргыздар жан кыйып, Үркүндүн азаптозогун көрүп, эл-жеринен сүрүлүп, тапкан-ташынгандарынан ажыраган кыргыздардын трагедиялуу улуу сапары ошол жылы болду.

1916-жылдын жай айларында Каракол уездинин начальниги Иванов өзүнө баш ийген болуштарды чогултуп, падышанын буйругун окуду. Ошол эле жыйында 20 жаштан 50 жашка чейинки бардык дени соо эркектер аскер кызматына алына тургандыгы жарыя кылынды, алардын тизмелерин тактап, аскерге узатуу мөөнөттөрү белгиленип, болуштарга тапшы рылды.

Ушул кезге чейин аскер кызматына адам берип, жөнөтүп көрбөгөн эл үчүн бул окуя катуу таасир берди. Эл ичи дүрбөп, ар кайсыл жерде өткөрүлгөн жыйындарда: «Балдарыбызды аскер кызматына бербейбиз» деген ураандар көтөрүлүп, көпчүлүк эл аларды колдоп жатышты. Мындай коогалаңдуу күндөр Кыдыр акенин элинин башына да келди.

Орусиянын учу-кыйырына көз жеткис жерин, көп элин, курал-жарактарын, сууда сүзүүчү кемелерин, эчен түркүн ок атар мылтык менен замбиректерин көрүп келген Кыдыр аке үчүн калкып-толкуп турган элин тыюуга канчалык далалат кылса да, кудурети жетпеди. Бөөдө кыргын болорун сезген Кыдыр аке арык-белек элине жигиттерин жиберип, орустарга катылбастын аракетин жасап жандалбас кылды. Бирок толкуп алган элди токтотуш кыйын го. Талдысуу, Түп, Аксуу, Покровка кыштактарын талкалап, орустарды жок кылышып, эми Каракол шаарына кыргыздарын тап коюшкандыктары жөнүндө да, алардын ал жакка койгон чабуулу кечигип калгандыгынан да кабардар эле. Каракол уездинин начальниги Иванов өз чебин бекемдеп, ал жерге 11 миңден ашуун аскерлери жана орус дыйкандары менен казак- орустардын отряддарын топтоп койгондугун карапайым эл кайдан билсин.

Эртеси шаарга ат койгон жигиттердин көпчүлүгү окко учуп, калганы качып, калың эл түп көтөрө Кытай жерин көздөй жөнөшөт. Кыдыр аке өз элин бир жерге топтоп, орус-аскеринин полковниги деген чин кийимин кийип, качкындар дын артынан куугунга алып келаткан жүздөн ашуун казак-орустардын алдынан тосо чыгат. Уезддин жардамчысы болуп жүргөн поручик эки аскеринин коштоосу менен алдыга бастырып чыгып, Кыдыр акеге саламдашкандан кийин:

– Полковник мырза, көл айланасындагы кыргыздар Каракол чебин камалап, бирок жеңишке жетише алышкан жок. Тескерисинче, алар бытырап качып баратышат. Орус аскерине жана орус элине кысым көрсөткөн ар бир кыргыз атылат. Бул падышанын буйругу, – деп шылдыңдуу күлүмсүрөйт. – Ал эми губернатор, сиздин элге тийбөө жөнүндө буйрук берди.

Кырылган элдин кайгы-капасы Кыдыр акени убайымга салып, бир жанын корголоп губернатор тарабынан чектелип берилген, бир жагы Аксуунун оюна, бир жагы Сарыкамыштын сазына чейинки алакандай жерде отура беришти бир чети намыс көрдү. Экинчи жагынан ээн жүрүп, ээн бастырып көнгөн эли чүнчүп кетчүдөй. Акыры бүт элин көчүрүп, алар тирүү болсо бирге өмүр сүрүп, өлүү болсо бир дөбөдө болорун ойлонуп олтуруп өзү көрүп, өзү билген жол менен Кытай тарапка сапар тартты.

Кийинки жылы ак падыша тактан кулаптыр деген кабар Кытай жерине жетип, андан көп узабай эле жаңы өкмөттүн мыйзамынын негизинде качкан кыргыздар кайтып келип, ар ким өз орун-очогун ээлесин дегенден кий ин кайтып келип Керегеташты мекендеп жашап калган.

Бул чоң алааматтан Кыдыр аке аз да болсо өз элин, тууган-уруктарын сактап калган. Ал эми анын орус аскеринин полковниги деген чин кийими ошол бир кийгени боюнча кийин табылбай калды.

Эл оозунан алынган маалыматтарга таянсак, Кыдыр акенин өзү менен катарлаш инсандардан төрт өзгөчөлүгү менен айырмаланып тургандыгын байкайбыз. Ал өзгө чөлүктөрүнө: тигил же бул окуянын болорун, анын кандай бүтөрүн алдын-ала туя билгендиги, комузчулугу, саяпкерлиги, мүнүшкөрлүгү.

Өмүрү санжырага айланган эл арасынан чыккан Кыдыр акеге окшогон инсандардын кандайдыр бир артыкча касиеттери бар экендигин аңыз кылып айтып жүрүшөт. Ал эми айрым адамдарда биологиялык өзгөчөлүк башкалардыкына караганда өтө күчтүү болгондуктан алдын-ала көрө билип, кээ бир кесел дартты айыктыруу касиетине да ээ болушат. Мындай касиетке ээ болгон адамдарды биздин ата-бабаларыбыз: «Кыдыр жылоологон адам» – деп коюшкан. Кыдыр аке да ошондой адамдардын бири болгондугу талашсыз. Бул боюнча ар кандай кеп эл ичинде айтылып жүрөт. Кыдыр акенин алдын-ала билип, жаман көзү менен караган адамы соо болчу эмес, ал эми анын батасын алгандын иши оңолуп кетүүчү дешет.

Үркүндөн кийин арып-ачып, качып-тозуп келген кыргыздарды Жергез деген жерде отурукташкан орустардын «макшан» тукумунун балдары итке талатып, таш бараңга алып өлтүрүп, аябай кордук көрсөтүшөт. Алар өздөрү турган жерди Ново-Константиновка деп атап алышып, Морозов, Кудашов, Трихин, Моисеев, Калинов ский деген ата-тегиндеги 5–6 казак орустарынын тукумдары гана жашап, өздөрүн «макшандар» деп аташкан.

Алар Кыдыр акеге кол салууга, аны өлтүрүүгө да аракет кылышкан. Бирок ал ойлорун ишке ашырууга даап бара албай коюшат. Акыры Кыдыр акенин каргышыбы, же алардан шейит болгон кыргыздардын көз жашы жеттиби, айтор, Ново-Константиновкадагы «макшан» орустарынын тукумдары туш-тарапка тарап, кийинчерээк кимисинин кайсыл жакта жүргөнд өрүн экинчилери билбей калды. Азыр айыл мурдагы Жергез атын алып, ал айылда Кыдыр акенин урпактары Сейитказынын балдары жашашат.

Кыдыр акенин иниси, Токсобанын баласы Быйтыман да эстүү-баштуу болуп, 1905–07-жылдары арык тукумунун болуштугуна шайланат. Быйтыман бийликте турган жылдары тогуз жолу топ жыйнап, анда бир канча адамдарга айып тарттырып, эчен бей-бечараны негизсиз күнөөлөп, бийлердин, байлардын пайдасына чечип, тогуздап айып салган күндөрү болот. Ошондон улам Арык тукумунун эки уулунун ортосунда ажырым жик пайда болот. Алардын араларына от коюп, эки бир тууганды кайраштыргандар да болот. Чатактын башы жоргодон чыгат. Сарке уруусунан чыккан Дөнөнбайдын мыкты тор жоргосун Быйтыман өзүнүн бийлигинен пайдаланып, өкүмдүк кылып жоргону алып коёт. Анын болуш болгону бир топ иштерди оройлук, өкүмдүк менен калпыс чечип келгендиги элге маалым болуп калган.

1907-жылы жайдын толуп турган кезинде Кыдыр акенин «кой» деп каршы болгонуна карабай Түргөн жайлоосунда жыйын курат. Дал ошол жыйында камынып келген Сарке уруусунун жигиттери чыр чыгарышып, Быйтыман окко учуп өлөт. Бул окуя боюнча жамактап айтылган сөздөр эл арасына тарап кеткен.

Быйылкы өткөн күзүндө,

Түргөндүн токой түзүндө, Арык элинде топ болду, Курусун тобу шок болду. Байтик деген күпүлдөп, Көрүнгөндү боктоду.

Ичине шайтан от жагып,

Деркембай бардаңкесин октоду,

Мылтыктан дары чачырап,

Чепкенден кебез булады,

Тоодой болгон Быйтыман,

Тору жорго аттан кулады…

«Быйтыманды атып салды» деген кабар кечке маал Кыдыр акеге жетет. Арык, Белектин бир тобу жыйылып келишип, «канга кан» дешип турганда, Кыдыр аке дүүл үккөн элин токтотот. Бозучуктун башына Арык тукумунун баарынын башын кошкон топ өткөрүп, бардыгы өз жайына келип, кун төлөөчүлөр кунун төлөп, айып тартчулар айыбын тартып, эки эл биротоло элдешип калышкан экен. «Быйтымандын чабуулу» – деп аталган бул чатактан кийин Арык тукумунун балдарынын арасында эч жаңжал, чыр-чатак болбогону дайыма айтылып жүрөт.

1910-жылы Жети-Суу өрөөнүндөгү төрт уезддин: Каракол, Пишпек, Дуулат, Олуя-Ата уезддеринен көп өкүлдөр катышкан жалпы курултай өткөрүлөт. Курултай жер ортосу Балыкчынын оюнда, Кочкор суусунун боюнда өтөт. Курултайды башкаруу тогуз болуш элинин төрагалык милдетин аткарып турган Кыдыр акеге жүктөлөт. Курултайда, топ маселелер коюлуп, аны чечүү үчүн жарым айдан ашуун убакыт кетет. Көп маселелер акыйкаттуулук менен чечилет. Мурда талаш-тартыш менен келаткан 18 маселе кайра каралып, айрыкча бей-бечаралар айыптарынан куткарылат.

Тогуз болуштун элинин арасында болгон чыр-чатактарды, пикир келишпеген иштерди Кыдыр акесиз чечкен учур сейрек болгон. Губернатор да Кыдыр акенин ошол кадыр-баркын пайдаланып, болуштардын төрагалыгынан канча жолу бошотуп коюусун өтүнсө да, макулдугун берген эмес.

Кыдыр аке жалаң эле эл арасында чыр-чатактын үстүндө маселе чечип, эл бийлеген адам болбогондугун белгилей кеткенибиз абзел. Ал жаш кезинде оюн-күлкүгө, той-тамашага аралашып, колуна комуз кармап, залкар күүлөрдү черткен. Эл арасында азыркыга чейин айтылып, чертилип жүргөн «Төгөчү күү» же «Кыдырдын арман күүсү» деп аталган күүнү Кыдыр акенин өзү жараткан.

Өзгөчө куш салып, тайган агытканга кызыгып, ал эми ат чабышка аябай ынтызар эле. Бул жагын билген эл-журту, тели-теңтуштары ар дайым аны менен кеңешип таптаган куштарын, күлүктөрүн сындатып кеткен учурлары көп болгон.

Кыдыр аке өзү дагы нечен күлүктөрдү таптап аламан байгелерге кошуп жүрдү. Өзүнүн «Бир казак» атка конгон, ал атты дагы Кыдыр аке өзү койгон саяпкер жигити менен «Тай кашка» деген күлүгүн таптап, 13 асый болгончо чаап жүрүштү. Текес жериндеги Табылдынын казак Эрсарынын аттарында чабыштан чыгып келип, миң жылкыдан турган байгелерди жеңип алган. 1913-жылы Романовдордун династиясынын 300 жылдык мааракесине карата Каракол шаарынын ат майданында баш байгеге ээ болгон.

Кыдыр аке өзү менен замандаш чыккан эл таланттарын айрыкча баалаган. Көл өрөөнүнөн чыккан атактуу манасчы Чоюке, Саякбай, залкар комузчулар Карамолдо, Ыбрайдан башка дагы таланттуу адамдар менен ымалалаш болуп, алардын өлбөс өнөрүнө баа берген. Чоюкенин манасын угуп, далай таңды атырган. Карамолдо комузчуну жаш кезинде Садыр аке тааныштырган экен, андан кийин алар абдан жакын болуп кетишкендигин көрүп-билгендер көп болгон дешет. Белгилүү комузчу Ыбрай Тумановдун жаш кезиндеги жамактап ырдаганын койдуруп, кара күү черткенге кеңеш берген да ушул Кыдыр аке экен.

Кыдыр акенин баскан жолу, эл үчүн кылган кызматы тарыхчылар тарабынан терең изилденери шексиз. Өмүр жолу санжырага айланып калган бул инсандын 1992жылы 150 жылдык мааракеси Керегеташ жергесинде өткөрүлүп, күмбөзү жаңыланып, атайын музей ачылды, айылдын аты Кыдыр айылы аталды. Кыдыр акенин ататегинен бери, анын 1926-жылы жарык дүйнө менен коштошконго чейин толук билген адамдар азыр жокко эсе.

Кыдыр акенин улуу аялы Маакеден Төгөчү, Акимкан, экөө тең жарык дүйнөдөн жаш кезинде эле өтүп кетишкен. Кийинки аялы Гүлшарадан – Закенай, Шакир, Шамий, Акиралы сыяктуу уулдары, бир нече кыздары калган. Алардын укум-тукумдары кыргыз жергесинин бардык булуң-бурчтарында, ар кандай кесипте эмгектенишет.

Кыдыр аке Байсары уулу 1926-жылы 26-март күнү 83 жаш курагында бул жарык дүйнө менен кош айтышат.

Ошол курагында бир да сөзүнөн жаңылбай «Кыдыр аке» деген сыймыктуу аты менен о дүйнөгө кете берди.

Ал кишини акыркы сапарына узатуу үчүн көл боюнан, Сары Өзөн Чүйдөн, Нарын өрөөнүнөн, Талас менен Аксы жергесинен казактын Албан уруусунан эл чогулуп аза күтүү аземине катышышкан. Жеке эле кыргыз, казак эмес, көл башындагы орустун төрөлөрү, орус дыйкандары, Каракол шаарындагы уйгур, дунган, татар, өзбек соодагерлери, Кашкар, Текестен бери келген эл чогулуп, бир ууч топурак таштап кайтышкан.

Кыдыр акенин өзү өлсө да эл ичинде анын акылдуу сөздөрү, кылган кызматы санжырага айланып, аңыз болуп калды.

Аскер КАРЫБАЕВ

 

АЙЫМДАР

9-ТОМ

Байыртадан бери элибизде аялзатынан нечендеген касиет түү, мээрман байбичелер, ай-чырайлуу, мөлтүр сулуулар, чебер уздар, баатырлар жана таланттуулар көп чыккан. Дүйнө түркүгү – эне, аялзаты дешкен элибиз. Алар жөнүндө укмуштай уламыштар, макал-лакаптар, сындар, ырлар, санаттар, казалдар, дастандар бар. Байыркы Энесай доорунда элибизден Муңайбас, Айнуру, Кызалма деген эркектер менен жоого бирге аттанган баатыр, акылман аялдар болгон. Чыгыш-Батыштын хан, падышалары кыргыздар менен куда болуп, кыз алууга кызыгышкан. Баскынчылары сулуу келин-кыздарын тартып кетишип, күң кылышкан. Энесайда эки кылымдай ордону бийлеген түрк кагандары кыргыз кыздарын аялдыкка алышкан, а тургай башка өлкөлөргө, Византия (Рум) падышачылыгына чейин тартууга беришкендери тарыхта маалым.

Кыргыз тарыхында Каныкейдей акылгөй, аялзаттын нурдуусу, колуна айбалта алган ургаачынын мыктысы, Айчүрөктөй кардай аппак, ак тамак, айдай сулуулары, Жаңыл мырзадай, Кыз Сайкалдай баштарына тулга кийген айбаттуу баатырл ары, Курманжан даткадай даанышман эл башкаргандары, Бурулчадай, Ак Шербеттердей өткүр акын, таланттуулары болгону белгилүү. Айрыкча, ХХ кылымда кыргыздардын ичинде нечендеген эмгек баатырлары, эл артисттери, депутаттары, коомдук ишмерлери, акындары, жазуучулары, ырчылары, таланттуулары чыккан. Алар жөнүндө кыргыз өлкөсүнүн басма беттеринде кыйла ырлар, очерктер, поэмалар, повесттер, романдар жазылды.

Китептин көлөмүнө байланыштуу татыктуу айымдардын далайын кошо албадык, айрымдары жөнүндө жазылган чыгармалар гана топтолгонун окурмандарга эскерте кетели дедик.

ЖАҢЫЛ МЫРЗА

Манаптын Сүтөй жана Жарбаң деген эки уулу болгон. Сүтөйдүн баласы – Сарсейит жана Тукур. Сарсейит билгиликтүү жана эр киши болгон. Анын Үчүкө деген баласы акылман жана эл билгич болуп Түлкү деген баласы алдыңкы баатырлардын биринен саналган. 20 жашка келгенде Көтмалдыдан Соңкөлгө карай көчүп бара жатканда Түлкүнүн энеси келинине өтө кас экен, ачууланып Түлкүнүн катыны Деркенди Кочкордун аягынан эртең менен эл көчүп жатканда коё бердирген. Келиндин бешикте Тынай деген эркек баласы болгон. Ошол себептен катын аттанып кетип бара жатып, бешиктеги баласын ачып, бетинен сүйүп ыйлап айткан:

Үчүкөнүн үч уулу, Үч Үчүкө болор да. Жалгыз Тынай кулунум, Сенин айың не болор?

Коё берилген келин Деркенди саруу кыргызы алган. Кытайга караган Аксуу шаарынын чөлкөмүндө турган нойгут кыргызынын улугунун Жаңыл мырза деген жалгыз кызы болуп, анын баатырлыгы билинип, элге даңкы чыгып калган кези экен. Үчүкө, Түлкү жана моңолдордон Атакозу, Чабак деген баатырлар баш болуп, калың кол барып, Жаңыл мырзаны Түлкүгө алып бермекчи болуп, аттанышып барышат. Ал кезде Жаңыл мырза элинде жок экен. Калмак менен урушканы, болжолу 1670-жыл чамасында Жетитер Чемен деген жерге кеткен чагы экен. Бир кабарда аң уулап кеткен дейт. Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабак нойгутту чаап алып, көп мал алып, кайта келе жатып, Турпандын башы Какшаалд ын ичине келип, жатып калган. Ушул кезде Жаңыл мырза элине келсе эли чабылып, чачылып жаткан. Аны көрүп калың киши алып, жоону кубалай келип, түн ичинде эл жата электе Жаңыл мырза кууп жеткен. Жоо калың малды туюк жардын алдындагы имерилиш токойлуу булуңга токтотуп коюп, бир канча жылкы союп, кандуу булоон болушуп, жан казандарына салышып, бышырып жаткан чакта үстүнөн чыгат. Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабак оттон алысыраак жерде олтурушканда, аларды Жаңыл мырза Түлкүнү мындай деп сынаган: Сомдогондой билектүү, сом кара таш жүрөктүү. Атакозу, Чабак үчөө бирдей көк жал бөрү экен. Түлкүгө тийсе тийип алар эр экен,– деп атууга кыйбай турганда атасы: «Аткын балам,– деген. Ошондо да атпастан, сорогой таштан артылып карап турган. Жаңыл мырзаны жарыкта олтурган кишилер көрө албаган. Жана да атасы: «Аткын балам» дегенде жааны ийининен алып, атууга көңүлдөнбөй турганда атасы: «Кыз бала оңбосун, эркек болсо эли-журтумду талкалап, чаап алып, олжолоп бара жаткан душманды аяп турат беле дегенде Жаңыл мырза саадагын сундуруп таптап, кайта тартып, жана таптап, атпаска пейилденип турганда Жаңыл мырзанын дайым алып жүрүүчү кертайганы тигилер олтурган оттун жанына жойлоп кирип барганда Түлкү көрүп: «Баягы сур канчыктын кер канчыгы экен» – деп, жаасына обдулуп алганы жатканда Жаңыл мырза Түлкүгө тийгеним менен сур канчык атым калбайт экен. Түлкүнү атсам агасы Үчүкө баса калганда аны атармын, Атакозу, Чабак камынып урушка чыкканча аларды атармын деп, жааны тартып жибергенде Түлкү оңкосунан кулаган. Аны Үчүкө басып калганда, аны өлтүрө аткан. Атакозу, Чабак түйүлүп аттарына минерде экөөнү эки жерге атып таштаган. Калың кол быт-чыт болуп үркүп атка мине турган болуп, камоодогу жылкы чатырап үркө турган болгондо Жаңыл мырза атына минип туруп: «Мен Жаңыл мырзамын, жаныңардан үмүт кылып, элибизге эсен кетели десеңер, жаткан жериңерден былк этпей, жай-жайыңарга жата бергиле» – деп, калың элдин үстүнөн жааны он чакты зыркырата атканда, зыркырап өткөн октун добушунан эл коркконунан былк этпестен, дир-дир этип жатып калган. Жаңылдын артынан колу келгенде кишилерине тийбестен, беш-алты жылкыны сойгула деп, Жаңыл өзү жатып калган. Эртең менен Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабакка жер каздырып көмдүрүп, Түлкүнүн кадыры деп алардын жолдошторуна тийбестен, ат-тондору менен аман-эсен узатып, Жаңыл үйүнө кайткан.

Кайткан колдон бир киши илгери келип, бул окуяны билдирмекке Ысык-Көлдүн Улаколунда төө багып жүргөн карыган Сарсейитке кез келип: – Үчүкө, Түлкү балаңыз Жаңыл мырзанын огунан каза тапты дегенде: – Үчүкө, Түлкү өлсө Атакозу, Чабак бар, – деген. – Атакозу, Чабак да өлдү дегенде: – Кан уучтап түшкөн хан куя балам бар, – деп тескери карап туруп, кончунан чакчасын сууруп алып, оозуна толтура насыбай салып:

Үчүкө, Түлкү балам ай,

Арстан тууган Атакозу, Чабак ай.

Ажалына кез келген,

Жаңыл мырза жалап ай, –деп бакырып жиберип, төөсүн көздөй бастырып кеткен.

Ал кезектеги кыргыздын ханынан саналган хан Тейиштин айылына эл чогулуп, кеңеш кылып, Түлкү, Үчүкө, Атакозу, Чабак төрт баатырдын кунун нойгуттан кантип алабыз деп сүйлөшүп олтуруп, нойгутка аттанып барууга бүтүм кылып, казактын ханы эңчер бойлуу эр Эшимдин уулу Тооке ханга келип, акыл салганда Тооке хан макул алып, казак, кыргыздан башчысы Карбагыш, Калматай, Багыштан Сейиттин уулу Аккочкор каңкы, Ашыра, Калча (бир кабарда Шырдакбек да болгон) нече миң киши барып согушта, бир кабарда – аң уулап келе жатканда калың чер токойдон аңдып тосуп туруп Жаңыл мырзаны колго түшүргөн. Бир кабарда согушта жүргөндө Аккочкор менен Жаңыл мырза бетме-бет жеке беттешип согушканда Аккочкорду аттын үстүнөн эңип алып түшүрө турган болуп, Аккочкорду көрүп жактырып, жайын сурап, мен Аккочкормун, Тейиш хандын баласымын дегенде тийүүгө пе йилденип, убада байлап Жаңыл мырза бура тартып кеткен дейт.

Колго түшкөндө кол башы болгон үчүн Жаңыл мырзаны Калматайга берген. Бирок Калматай өзү албастан, иниси Ормотойго алып бергенде, Жаңыл мырза мени Аккочкор каңкы албады, же карыса да Калматай өзү албады деп, таарынып калган. Жаңыл мырзаны Ормотой алгандан кийин аны олжо катын, олжого түшкөн күң катын деп, көпчүлүктө уялтып айта берген. Бул сөзгө абдан капаланып, Жаңыл мырза ичинен сыза келген. Эртең-бүрсүгүнү эл жайлоого көчөт дегенде айылдагы кыз-келиндер жыйылып келип, Жаңыл мырзага жалынып, сизди жааны абдан жакшы атат деп эл-журттун баары мактайт. Бизге эл көчкөндө тамаша кылып, жаа тартып бериңиз дегенде Жаңыл мырза: «Биз эми байга тийип копол болуп калдык. Эми жаа тартыш бизге абдан өтө уят» дегенде, кыз-келиндер жалынып айта бергенде, Жаңыл мырза: «Андай болсо, Калматайдыкында менин саадагым октору менен жана кара атым дагы ошондо. Башка ат, башка жаа мага туура келбейт. Ошону сурап бергиле дегенде кыз-келиндер барып, Калматайдан сураса бербеген. Кыздары болбостон, экинчи жолу сурап барып, араң алган. Атты Жаңыл мырза колуна алып, бир-эки таң ашырып алганда эл Ат-Башыдан Арпага көчкөн. Көч жөнөп кеткен соң Жаңыл мырза согуш кийимин кийинип, чачын төбөсүнө түйүп, үстүнөн баса согуш тебетейин кийип, атын бекем токунуп, саадагын байланып, окторун асынып, ары-бери атырылтып чуу коюп, кара аттан ак көбүк чыгып тердеген кезде бириңер бөркүңөрдү асманга ыргыткыла деп кыздарга айтканда, бир кыз тебетейин көккө ыргыткан. Жаңыл мырза жерге түшүрбөй атып туруп, тебетейди жүн кылып түшүрг өн. Аткан огун жерге түшүрбөстөн улам илип алып, кайта атып турган. Ошондо Жаңыл мырза кыз-келиндерге карап: «Элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос, мен ургаачы болсом да эркектен артык элем, мен элимди сагындым, атым үйүрүн сагынды, кош, аман болгула» – деп бура тартканда кызкелиндер чуркурап жалынып: «Айланайын жеңе, бизди ата-энебиз өлтүрөт» дегенде: «Андай болсо талаадан качып кетпейин, силерди жемеден куткарайын деп, 70–80 кыз-келинди ээрчитип алып, көчтүн артынан жете келип, Масейилдин белинде Масейилди атып өлтүрүп, (Ат-Башы, Арпанын арасындагы бел) Калматай жүз чамалуу киши менен көч алды болуп кетип бара жатканда жетип барып: «Карысаңыз да өзүңүз албадыңыз, тетиги немеңизге мени кор кылып, олжо катын атыктырдыңыз, элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос, эл жакшысы кошто бар, кош аман болуңуз» – деп, аттын оозун коё бергенде аты анда-мында бир тийип, көз илешпей калган. Калматай кууган эмес, күйөөсү Ормотой 30–40 киши менен артынан кууп калганда Жаңыл мырза күйөөсү экенин таанып, тура калып: «Мени кубалаба, кокустан өлүп каласың» дегенде Ормотой болбостон жакындап жеткенде: «Ой, байкуш жаман болсо да бир жыл койнуңа жаттым эле, каныңа забын болбоюн»,– деп атын атып таштаган. Ат которуп дагы кубалаганда өз убалың өзүңө деп Ормотойду атып өлтүргөндө, эл кубалабай токтоп калган. Жаңыл мырза аттын оозун коё берип учкан куштай болуп, кайдасың Какшаал, кайдасың нойгут деп жүрүп кеткен. Какшаалды басып, эсен-аман элине барган.

Жаңыл мырза узун бойлуу, шырыктай, эки ийини кең, кара сур кыз болуп, Ормотойго тийгенде 24 жашта болгон. Мындан соң нойгуттар кыргыздан жалтанып, Бай шаарынын үстүнө кеткен. 1916-жылында кыргыз бузулуп, Кытайга качып барганда Бай өлкөсүндө көбүнчө Карабакта кыргыз бардыгы маалым болду. Алар өздөрүнүн кыргыз экендигин билсе да кайсы заманда баргандыгын, кайсы кыргыз экендигин билишпейт. Баары да отурук болгон. Отурук болсо да ар түтүнгө чарбасы, уй, кой, жылкы, төөлөрү бар. Алардын айтуунд а ал жерден көп эл Лупка көчүп кеткен. Бул кабарга караганда, балким, нойгуттун Көлөпкө кетмеги мүмкүн. Не да болсо күн батыш Кытайда нойгут кыргызы калбастан баары да уйгурлашып отурук болгон.

Белек СОЛТОНОЕВ

КУРМАНЖАН ДАТКА

Кыргыз элинен XIX кылымда суурулуп чыккан айтылуу Курманжан датка тууралуу Октябрь төңкөрүшүнө чейин эле көптөгөн макалалар, эскерүүлөр, расмий маалыматтар жарык көргөн. Ташкент, Москва, Санкт-Петербург шаарларындагы архивдерде да ал тууралуу ар кыл тарыхый документтер арбын учурайт. Кыргыз элинин өткөн кылымдарда жашап өткөн чыгаан инсандарына жасалган совет доорундагы бир жактуу мамиле, Курманжан даткага да жасалды. 80-жылдын 2-жарымындагы коомдук өзгөрүүлөрдөн улам, Курманжан датка тарыхта татыктуу баасын алып, ал тууралуу кайрадан макалалар жарык көрө баштады. 1991-жылы Курманжан датканын 180 жылдыгы кыргыз коомчулугунда зор салтанат менен белгиленди. Ушул салтанаттын эртеси ГКЧП башталып, 12 күн өтпөй 31-августта кыргыз эли өзүнүн эгемендүүлүгүнө жетишти. Бул да тарыхтын табышмактуу сыры белем…

Сырттан караган кишиге Курманжан датка тууралуу бардыгы айтылып, толук изилденип бүткөндөй сезилет. Бирок ал тууралуу жазылган эмгектерди окуп чыккан соң, 1907-жылы И.П.Ювачевдин: «Алай кыргыздары жана Курманжан датка жөнүндө жазылган адабияттарды карап олтуруп, ал тууралуу жазылган маалыматтардын ар түрдүүлүгүнө таң каласың… «Алайдын канышасы» жөнүндө айтылгандардын баарын кайталап олтуруунун да эч кажети жок. Алымбек менен Курманжандын тарыхын атайлап изилдеп, фактыларды текшерип чыгууну талап кыла турган иш», – деп жазганына кошулбай коё албайсың. Анткени алигиче Курманжан датканын та таал тагдырын, бай тарыхын камтыган атайын эмгек жазыла элек. Али күнгө анын инсандык касиеттери, тарыхта ээлеген орду толук изилденбей, даңазалуу өмүрүнүн сыры ачыла элек. Курманжан датканын коомдук ишмердиги, дүйнө таануусу, меймандостугу, кара кылды как жарган калыстыгы, аялзатына тиешелүү улуу касиети, үй-бүлөсүнө жасаган энелик мээрмандыгы, калкына жасаган кайрымдуулугу, булардын ар бири терең изилдөөнү талап кылат. Курманжан датка жана ал жашаган доор тууралуу жазып жатып, кыргыз аялдары төңкөрүшкө чейин коомдо укуксуз, теңсиз, күң абалында жашаган деген тайкы көз карашка кошулууга болбойт. Тескерисинче, аялзаты кыргыздарда ар дайым урматталып келген. Элдик чыгармаларда, дастандарда, санжыраларда эл арасынан суурулуп чыккан кыргыз кыз-келиндеринин касиеттери даңазага бөлөнгөнүн көрөсүң. Андагы Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Кенжеке, Жаңыл мырзанын даанышмандыгы, калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги, кыргыз коомчулугундагы аялзатынын таасирин, ээлеген ордун айкын көргөзөт. Кыргыз жергесине XIX кылымда келишкен европалык саякатчылардын, окумуштуулардын эмгектеринде да кыргыз айымдарынын касиеттери жогору бааланган. 1856-жылы атайын тапшырма менен Ысык-Көлгө келген казак окумуштуусу Чокан Валиханов кыргыз аялдарынын коомдогу таасирин, ачык-айрымдуулугун, меймандостугун суктануу менен жазган.

Ал эми 1896-жылы Ош, Алай, Памир чөлкөмдөрүндө жашаган кыргыздарды кыдырган италиялык саякатчы Феликс Рокко кыргыз аялдары тууралуу: «Өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздар өз ата-энелерин, аялдарын урматташкандай аялдарды урматтагандар аз кезигет. Алар эч качан жүзүн жаап, өзбек, тажик аялдардай болуп басынышпайт. Теске рисинче, өз эркектери менен тең катар укукка ээ болушат. Үй-бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын пикири да сөзсүз эсепке алынат», – деп жазган. Андан ары италиялык саякатчы: «Ал тургай согуш учурунда же башка бир тополоң болгон күндөрдө да кыргыз аялы тынч отура албайт, кээ де алар өз боз үйүнүн бейкуттугун коргоп калуу үчүн кармашка кирген учурлары да болгон. Байыркы авторлордун Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар жөнүндөгү аңгемелери кыргыз жана түркмөн аялдарынын ат үстүндөгү турмушун эске салат. Эрктүүлүгү, чарбачыл акылмандыгы менен азия талааларынын аялдары, XIII кылымда эле Туран өлкөлөрүнө саякатка барышкан европалыктарды таңдандырган», – деп кыргыз аялдарынын өзгөчөлүктөрүн өтө жогору баалаган. 1898-жылы Ошко келип, Курманжан датканы көргөн «Туркестан ские ведомости» гезитинин кабарчысы: «… бул жерде таң кала турган эч нерсе жок, анткени кыргыздарда акылдуу аялдар ар дайым зор таасирге ээ болуп келген», – деп жазган («Туркестанские ведомости», 1898, N№ 71).

1907-жылы Ош үйөзүндө болуп, Курманжан датканын өмүр таржымалын изилдөөгө алган И.П.Ювачев да алгач кыргыз аялдарынын өзгөчөлөнгөн касиеттери тууралуу жазып келип, андан соң Курманжан датканын өмүр таржымалын баяндоого киришкен. Ал өзүнүн «Курманжан датка алайлык кара кыргыздардын канышасы» деген даректүү макаласында: «Адатта Түркстандагы мусулман аялдарынын эч кандай укугу болбойт. Аларды күйөөлөрү пулга алган оокат катары көрүшөт. Күйөөсү аялын башка кишиге көрсөтпөйт. Аял киши тышка чыгып калса бетин кара чүмбөт менен, башынан аягына чейин паранжы жаап алышы керек. Паранжы бир көргөн кишинин көзүнө өтө эле өөн көрүнөт. Кыргыздардын аялдары тышта болобу, үйдө болобу, өз каалаганындай жүрө берет. Ал жүзүн бирөөдөн эч жашырбайт. Кийген кийимдери да кудум эле эркектериникиндей, ийиндерине чаар чапан жамынышат, баштарында болсо ак элечек. Бир болгон айырмасы аялдар элечекти ээк алдынан байланып алышат. Кыргыз аялы ат үстүндө эркин жүрөт, чарбачыл, конок-кечени жайдары тосуп алган үй ээси. Кыргыз аялы коомдук иштерге катышкан мисалдар да болгон», – деп кыргыз аялдарынын өзгө чөлүгүн баса көрсөткөн. Мына ушундай аялзаты аздектелген кыргыз коомчулугунан Азия чөлкөмүнө, ал түгүл Европа өлкөлөрүнө кабары жеткен Курманжан даткадай журт башкарган аялдардын чыгышы мыйзамченемдүү окуя болгон. Курманжан датка сыяктуу тарыхта өчпөс из калтырып, элге кеңири таанылган кыргыз аялдары XIX кылымда ондоп саналган. Кыргыз арасында эле эмес, мүлдө Кокон хандыгында зор таасирге ээ болуп турушкан Кудаяр хандын энеси Жаркын айым, таэжеси Зыйнат датка, Мала хандын энеси Соно айым, Ормон хандын байбичеси, Таластагы Ажыбек датканын байбичеси Ак Суусар, Байтик баатырдын байбичеси Апар, Көлдө таланты менен таанылган Бурулча сыяктуу кыргыз айым дары тарыхта өз баасын алигиче ала элек.

Курманжан датка 1811-жылы катардагы кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Маматбай мун гуш уруусунун Жапалак уругунда сөзү өтүмдүү, өз оока тына тың адамдардан эле. Ушундай үй-бүлөдө өсүп, эркин тарбия алган Курманжан жаштайынан зирек, акылы жетик, чечкиндүүлүгү жагынан эркектерден кем калышпай өсөт. Ал Алымбек даткага турмушка чыкканга чейин эле өзүнүн чечкиндүү аракети менен эл арасында сөзгө алына баштаган. Курманжан датка ата-энелеринин макулдуктары менен никелешкен Кулсеит аттуу биринчи күйөөсү менен түбөлүк бакытка бөлөнүп жашай албашына көзү жеткен соң, катуу салтка, урук-туугандарынын каршылыгына карабай, күйөөсүн чанып, өз атасынын үйүнө баса берген. Мунун өзү ошол мезгилдин шарты боюнча чоң эрдик. Курманжандын өз бактысын табуу үчүн жасаган мындай аракети ал мезгилде атак-даңкка жаңыдан бөлөнө баштаган Алымбек даткага угулат. Акыл-эстүү, жүзүнөн жылдызы төгүлгөн Курманжан Алымбек өзүнө тартып, экөөнүн ортосундагы мамиле 1832-жылы никелешүү менен аяктайт. Көпчүлүк изилдөөчүлөр: «Курманжанды Алымбек даткага турмушка чыккан соң коомдук иштерге аралашып, элге тааныла баштады. Алымбек датка болбогондо Курманжан мынчалык кадыр-баркка жетмек эмес» деген пикирлерин айтышат. Бул жерден Курманжандын табият тартуулаган касиеттерин, тескерисинче, анын Алымбек даткага тийгизген таасирлерин танууга болбойт. Ошол эле мезгилде Курманжандын катылуу касиеттеринин ачылышына, анын эл арасында кеңири таанылышына Алымбек датканын таасирин айтпай коюуга да болбойт. Кыскасы, ошол доордун мыкты эки инсанынын биригиши, эки тарапка тең бирдей таасир тийгизип, алар бири-бирин толуктап турушкан. Алымбек даткага турмушка чыккан күндөн тартып,

Курманжандын коомдук ишмердиги, эл арасындагы кадыр-баркы жаңы баскычка көтөрүлгөн. 1832–1842-жылдары ал алайлык кыргыздардын арасында айрым маселелерди адилет чечкендиги, Алымбек даткага туура кеңеш бергендиги менен тааныла берген. Бул мезгил Курманжандын коомдук ишмердигинин калыптануу мезгили болду.

1842-жылы Кокон хандыгын каратып алган бухаралыктар куулуп, тактыга Таластагы таякелеринин арасында жашап келген Шералы хан көтөрүлөт. Ордодо, жалпы эле хандыкта кыргыздардын зоболосу артат. Алымбек датка Алайдын мыктыларын, Курманжанды ээрчитип, Шералы ханга куттук айтып келет. Хан ордосунан Курманжан Шералы хандын аялы Жаркын айым, Соно айым, кошо келген Зыйнат менен таанышат. Ушул жолугушууда кыргыз айымдарынын ортосунда терең мамиле, өз ара түшүнүшүү жаралган. Жаркын айым, Зыйнат аркылуу Курманжан ордо сырлары, жашыруун окуялары менен тымызын кабардар болуп турган. Жаркын айым, Зыйнат датканын көзү өткөнгө чейин Курманжан датка ордо менен байланышын үзгөн эмес.

1903-жылы жарык көргөн Михаил Алибековдун «Кудаяр хандын үй-бүлөлүк турмушу» деген эмгегинде, Таластан келген Жаркын айым 30 жыл бою ордонун ортосунда көтөрүлгөн ак өргөөдө жашаганы, апасынан Куд аяр хан күнүгө кеңеш сурап турганы, ордо кызматкерлери андан кадимкидей айбыгып келгени жазылган. Зыйнат даткадан да ордодогу эркектер, аялдар сүрдөп турганы, оозундагы сөздөрүн жоготкону жогорудагы эмгекте мүнөздөлгөн. Ушундай ордодогу кыргыздын таасирлүү айымдары менен Курманжан мамиле түзүп, алардан ордо сырларын, жашыруун окуяларын алып турган. Ордодон алынган кабар боюнча Алымбек датканы өлүмдөн алып калган учурлары тарыхый даректерде айтылат. Курманжандын ордо менен тыгыз мамилесинен улам, ал тууралуу аңыз кептер элге тарап, Алымбек датка сыяктуу эле хандыктагы таасирлүү адамдардан болуп калган. Анын үстүнө Алымбек датка Ош шаарындагы курулуш иштери менен көп алектенип, Алай элинин арыз-муңдары Курманжан аркылуу адилет чечилип турган. 1858-жылы Алымбек датканын жардамы менен Кудаяр хандын аталаш бир тууганы Малабек хан көтөрүлөт. Алымбек датка хандыктагы баш увазирлик кызматты ээлейт. Баш увазирдин жубайы Курманжан Алай элин башкарууну колуна алат. Ал ошол мезгилде эле датка даражасына татыктуу иштерди аткарып турган. Бирок убагында датка даражасы берилген эмес.

Курманжандын датка даражасын алуусу тууралуу да кайчы пикирлер көп айтылып келүүдө. Ал Кокон хандыгынан эки жолу датка даражасын алган деген пикирлер изилдөөлөрдө үстөмдүк кылат.

1863-жылы Кудаярды кайрадан тактыга отургузуу максатында, Бухара эмири Сеид Музаффар-эддин аскерлери менен Коконго, андан Ошко келген. Оштон аларды Курманжан башында турган кыргыздар тосуп алган. Курманжандын орундуу сөздөрүнө, тунук акылына, эл арасындагы таасирине тан берген эмир, ага датка даражасын ыйгарган. Сеид Музаффар-эддин атасы Насруллого караганда алда канча билимдүү, көп окуп, көптү билген адам экени тарыхта маалым. Ал Азиядагы башка элдерге караганда кыргыз аялдарынын ачыктыгы, журт башкарган касиеттери тууралуу китептерден окуп, Кашкардан Бухарага кайткан элчилеринен, соодагерлеринен Курманжан тууралуу даңаза сөздөрдү көп уккан. Курманжанга датка даражасынын ыйгарылышы динге чүмбөттөлгөн Азия элин таң калтырса, Алай элин сыймыкка бөлөгөн. Курманжан бул жолу эмирдин колунан Кокон хандыгынын датка даражасын эмес, Бухара эмирчилигинин датка даражасын алган. Датка даражасын алуу менен анын аброю дагы бир баскычка жогору лаган. Датка – Бухара жана Хива хандыктардындагы мансап даражасы болгон. Ал карамагындагы элден түшкөн арыз-муңдарды, даттанууларды ханга билдирип, хандын жообун оозеки же жазуу түрүндө кайта элге жеткирип турган. Сөздүн түпкүлүгү фарсыча «дадхох» – кыргыз тилинде «адилетти сүйүүчү», «адилетчил» дегенди түшүндүргөн. Кокон хандыгында бул даража аталык, кушбеги, парваначиден кийинки орунду ээлеп, он адамга гана берилчү. Бул даража үчүн ордодон жылына 1000 теңге маяна төлөнгөн. Андан сырткары хан жарлыгы менен белгилүү өлчөмдө жер үлүшү түбөлүк менчикке бөлүнгөн.

Курманжан даткага Кокон хандыгынын датка даражасы 1865-жылы Кудаяр хан үчүнчү жолу тактыга отурганда ыйгарылган. Ордого куттук айтып келген Курманжан датканы Кудаяр хан апасы Жаркын айым экөө белгилүү бектердей тосуп алып, сый көргөзүп, датка даражасын ыйгарып, мөөр ойдуртуп, баалуу белектерди тартуу кылган. Ошентип, Курманжан датка экинчи жолу Кокон хандыгынын датка даражасын алган. Курманжан датка ал мезгилде Бухара менен Кокондун датка даражасына эркектердин, аялдардын арасынан татыктуу болгон жалгыз кыргыз айымы болгон. Анын таасири Алай, Ош, Анжыян, Аксы аймагындагы элдин арасында гана эмес, ордонун өзүндө да жогорулай берген. Курманжан датка ордо менен хан энеси Жаркын айымдын көзү өткүчө (1868-ж.) жакшы мамиледе болуп келген.

Курманжан датканын кадыр-баркын, эл арасындагы таасирин падышалык төбөлдөр да өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракет кылышкан. Алайдагы боштондук күрөштү басып, Абдылдабектин кыймылын тынчтандырыш үчүн генерал Д.М.Скобелев Курманжан датканы туткунга алып, ага «дипломатиялык» жылуу мамиле жасап, 1876-жылы август айында элдик кыймылды ооздуктай алган. Бул тууралуу Ташкент шаарында Өзбек Республикасынын борбордук архивинде сакталган Курманжан датканын мөөрү басылган өз катында: «Жандыраалы Скөбүл (генерал Скобелев) пааша мени өзүнө чакырып алып, мага балдарымы өз мекенине кайтаруумду, алар келип тынч жашай берүүсүнө кепилдик берерин айтып насаат берди. Анан улуу урматтуу жарым пааша фон Кауфман Ошко келгенде мен аны тосуп чыгып, ал үчүн Кудайга сыйындым. Мени менен сылык сүйлөш үп, мага жакшылык каалап: «Уулдарыңызга кат жазыңыз, алар кайтып келип тынч жашай беришсин, өзү ңүздүн урууңузга (элиңизге – К.М.) кайтканда тынч жашагыла деп насаат айтыңыз… Мен Ош үйөзүнүн начальнигине сиздин уулдарыңызга кызмат берүүсүн сунуш кылам жана император ак паашанын алдына өзү ңүзгө пенсия бөлүп берүүсүн өтүнүп кайрылам»,– деп айтып, мени баалуу чепкен жана алтын саат менен сыйлады. Жолугушуудан соң мен туш-тараптагы уулдарыма кайтып келүүсүн айтып кат жөнөттүм. Уулдарымын ичинен эң улуусу Абдылдабек бөтөн жерде набыт болуп, калгандары биринин артынан бири кайтып келе баштады… Жарым пааша фон Кауфман төрө өзүнүн убадасы боюнча мага жылына 300 сом өлчөмүндө пенсия бөлдүрүп берип, уулдарымды жергиликтүү башкаруу орундарга коюу тууралуу көргөзмөсүн берди»,– деп баяндалган. Курманжан датканын бул катында баяндалгандай, ал падышалык төбөлдөр менен да тил табышууга жетишкен. Орусиянын үстөмдүгү орногондо Түркстан чөлкөмүнүн тогуз генерал-губернаторун (1876–1907-жж.), Фергана облусунун сегиз аскер губернаторун, Оштун оёзнойлорун, Европадан келишкен ар кыл конокторду Оштон, Алайдан тосуп алып, аларды жогорку деңгээлде коноктой алганы ошол кездеги гезит-журналдарда, саякатчылардын эскерүү китептеринде көп эле жазылган. Мындан Курманжан датканын табигатынан элчилик жөндөмдүү лүгүнө, интеллектуалдык жогорку деңгээлине ынанууга болот. Ошол эле мезгилде Курманжан датка Ошто, Маргалаңда жашаган орус аялдары менен жакшы мамиледе болуп, алардын айрым уюмдарына кайрымдуулугун көргөзүп турган. Алсак, 1904-жылы Ошто талаа лазареттерине шейшеп даярдоо үчүн аялдардын комитети түзүлөт. 7-мартта комитеттин алгачкы жыйыны болуп, ага 93 жашка чыкканына карабастан Мадыдан Курманжан датка келип катышып, кайрымдуулук максатында комитетке 100 сом кошумчасын кошкон («Туркестанская ведомость», 1904, N№ 40).

Курманжан датканын жогорудагыдай аракеттеринен улам: – Ал сабаттуу болгонбу? – деген суроо туулат. Анын сабаттуу болгонун айрым тарыхчылар, адабиятчылар далилдөөгө аракет кылышат. Алардын далилдөөлөрүнө караганда, Курманжан датка араб ариби менен кыргыз, өзбек, фарсы тилинде ырларын, каттарын жазыптыр. Дагы бир айтымда ал күнүгө күндөлүк жазчу экен. Мына ушундай маалыматтарды айтуу менен алар Курманжан датканын кадыр-баркын арттырууга аракеттенишет. Ал эми тарыхый чындык алардын аракеттерин бышыктап, Курманжан датканын сабаттуу болгонуна кошула албайт. Анткени ал тууралуу сакталып калган архивдик булактар, анын кат жаза албаганын ачык далилдейт. Курманжан датканын ар кайсы архивдерден табылган онго жакын каттарынын көчүрмөсү биздин колубузда турат. Бул каттардын бардыгы ага тиешелүү болгону менен, жазылышы жагынан бири-бирине окшобойт. Бери болгондо эле 3–4 адам тарабынан жазылгандай. Каттардын аягында, бул катты бышыктоо үчүн Курманжан датка өз мөөрүн басат деп жазылган. Ал эми фарсы тилинде Зыйнат деген жашыруун ысым менен ыр жазганы, ал ырлар Омор хандын мезгилинде (1818-ж.) басылган «Маджму-аш-шу ара» («Акындардын ырлар жыйнагына») басылган деген тыянактар тарыхый чындыкка эч коошпойт. Анткени ал мезгилде Курманжан датка болгону 8–9 жаштагы кыз болгон. Али аты белгисиз 8–9 жаштагы алайлык кыздын ырлары псевдоним менен фарсы тилинде хан сарайында басылышы акылга сыйбас нерсе. Күндөлүк жазып жүргөн деген жоромолдорго жооп берүүнүн деле зарылдыгы жоктой. Көчмөн турмушта жашаган Курманжан датканын күндөлүк жазышы чындыкка дал келбейт. Көчмөн турмуштагы кыргыздардын сабаттуулугу китеп окуп, кат, күндөлүк жазбаганы менен бааланбашы керек. Кат тааныбай эле миллиондогон сабы бар «Манас» эпосу баш болгон дастандарды жаңылбай жатка айткан, нотасыз эле татаал кайрыктагы обон-күүлөрдү чыгарып, дароо эсине туткан кыргыз туюму сабаттуу адамдарды таң калтырып келгени жалганбы? Курманжан датка тамга тааныбаганы менен, ал өз доорунун ырларын жатка билген. Кошкон кошоктору аңызга айланып, азыркыга чейин айтылып келүүдө. Газета-журнал окубаганы менен өз мезгилиндеги жаңылыктар менен кабардар болуп турган. Курманжан датка менен ошол мезгилде жолуккан Б.Л.Тагеев аттуу автор анын Скобелевдин өлгөнүнөн кабары бар экенин жазса, Маркова деген саякатчы аял Курманжан датка Москва, Санкт-Петербург шаарлары тууралуу сурап, ал жакта күчтүү дарыгерлер бар экенин билээрин эскерет. Курманжан датка Европадан келген конокторду темир кроваттар коюлган боз үйгө жаткырып, европанын шарты менен экинчи бир боз үйдө коноктогонун, атайын жасалгаланган өзүнүн ак өргөө сүндө ардактап кабыл алганын көптөгөн эскерүүлөрдөн кезиктирүүгө болот. Илим-билимге сугарылган саякатчылар, падышалык төбөлдөр Курманжан датканын тунук акылына, тубаса дипломаттык касиетине, меймандостугуна суктанышкан. Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору С.Х.Духовскийдин жубайы Варвара Духовская «Түркстан эскерүүлөрү» деген китебинде, Ош шаа рынан 87 жаштагы (1898-жылы) Курманжан даткага жолукканын, жолугушууда эки баласынын коштоосунда келген датканы античтик Гракхтардын энеси Корнелияга окшоштурганын жазган. Жогорудагы маалыматтар Курманжан датка өз доорунун сабаттуу, аң-сезими алдыга озгон бийик инсаны болгонун бышыктайт. Анын тунук акылы сабаттуу адамдардыкынан да алда канча алдыга кеткен. Бул көчмөн элдин улуу касиеттеринин айныксыз далили эмеспи.

Курманжан датканын дагы бир касиеттеринин бири анын энелик улуу касиети. Ал тарбиялаган уулдар өз мезгилинин алдыңкы инсандарынан, журт башкарган билермендардан болушкан. Мында Курманжан датканын таасири зор. Өгөй болсо да өз баласындай болгон Жаркынбайы (айрым маал ыматтарда бир тууган кайниси) Оштун акими болуп туруп, 1865-жылы Ташкент шаарын коргоо үчүн согушта курман болгон. Тун уулу Абдылдабеги 1865-жылдан Оштун акими, Полот хандын боштондук күрө шүнүн мезгилинде Кокон шаарынын акими, андан соң Алай козголоңун жетектеген. Баатырбек деген уулу Кашкардын бакдөөлөтү Жакыпбектин ишеним арткан жакын адамы, кийин Кокон көтөрүлүшүнө катышып, падышачылыктын заманында Булакбашы болуштугунда болуш  болгон.  Маамытбеги  Абдылдабек менен бирге Ооган жерине чейин кошо кетип, кийин Гүлчөнүн болушу, Асанбеги Ноокаттын болушу, Камчыбеги Алайдын болушу болуп турган. Курманжан датканын неберелери да эл кадырлаган эр азамат тардан болушкан. Уул неберелеринин эл арасындагы аброю, таасирлери Курманжан датканы көкөлөтүп, сый-урматка бөлөп турган.

Курманжан датка өзүнүн үй-бүлөсү, уулдары жөнүндө 1894-жылы жазылган катында сыймыктануу менен: «Менин балдарым сыяктуу эле алардын атасы жана чоң атасы мурдагы мусулман (Кокон – К.М.) хандарына жана бектерине ак ниеттери менен берилип кызмат кылышып, ардактуу жана жакшы адамдардан болушкан. Эч качан эч нерсе менен айыпталбаган, өзүлөрүнүн наамына доо кетирбеген жана элге тааным алдыгы менен сый-урматка ээ болуп келген»,– деп жазган. Курманжан датканын үйбүлөлүк кредосу мына ушундай болгон.

Курманжан датканын кылым карыткан өмүрүн шааншөкөттөр менен бирге оор жоготуулар, кайгы-капалар коштоп жүргөн. Ал алгач Алымбегинен ажырап, балдары жетим, өзү жесир калды. Ташкент алдындагы согушта Жаркынбайы курман болду. 1876-жылы эл-жерин баскынчылардан коргоодо Абдылдабеги баш болгон уулнеберелери бөтөн элге тентип, ал жерден Абдылдабеги курм ан болду. Мал-мүлкүн, ээлеген жерин падышалык өкүм зарлар тартып алышкан. 1893-жылкы төрт бакылоочунун өлүмүнөн кийин, күнөөсүн далилдебей туруп, падышалык администрация эң кенже сүймөнчүк уулу Камч ыбегин энесинин көз алдында даргага асты (1895-ж.). Уулу Асанбекти, неберелери Мырзапаяс, Арсланбекти Иркут губерниясына сүргүнгө айдашты. Бул кайгылуу окуя Курманжан даткага өтө оор тийген. 1896-жылы көз алдында уулу Баатырбектин сөөгү жерге коюлду. Эне үчүн балдарынын өлүмүнөн оор бул дүйнөдө эч нерсе жоктур. Курманжан датканын көз алдында жалгыз баласы эмес, төрт баласы, өмүрлүк жолдошу көз жумган. И.П.Ювачевдин жазганы боюнча Курманжан датканын урпактарынын саны көзү тирүүсүндө 183 адамды түзүп, алардын 85и анын көз алдында каза болгон. Курманжан датка өзү 1907-жылы 1-февралда 96 жашында дүйнөдөн кайткан. И.П.Ювачев 1907-жылы Ошко келгенде Курманжан датканын урпактарынан 98 адам (эки уулу, эки кызы, 31 небереси, 57 чөбүрөсү, 6 кыбырасы) жашаарын жазган. Совет доорунун тушунда Курманжан датканын урпактары куугунтукталып, көп запкыга дуу шар ланышты.

Ошентип, Курманжан датканын башынан канчалык кайгылуу окуялар өтпөсүн, ал баарын: жакшылыкты да, жамандыкты да көтөрө билген. Анын мындай чыдамкайлыгы, кайраттуулугу көп адамдарды таң калтырткан, душмандарын алдастаткан. Жыйынтыктап айтканда, Курманжан датка XIX кылымда аялзатынын арасынан суурулуп чыккан теңдеши жок зор инсан болгон. Анын кылым карыткан өмүрү, аткарган иштери, аялзатында чанда кездешүүчү касиеттери келечек муун үчүн узун сабак, өчпөс шам чырак.

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ

ЖАРКЫН АЙЫМ

XIX кылымда жашап өткөн даңазалуу кыргыз айымдары тууралуу сөз кылганда, 1842-жылдан 1868-жылга чейин Кокон ордосунда зор таасирге ээ болуп, хандыкты башкарууга жакындан аралашып келген айтылуу Жаркын айымдын ысмын сыймык менен атасак болот. Анткени кыргыз, кыпчак, өзбек, сарт, тажик элинен куралган Кокон хандыгынын ордосунда кыргыз үйлөрдү тигип, элеттен келген көчмөн элдин өкүлдөрүнө көмөк көргөзүп, ордонун кытмыр кызматчыларын сестентип, кыска убакыт хан тактысында отурган Шералы ханга акыл кошуп, узак убакыт уулу Кудаяр ханга баш-көз болуп, кеңешин берип келген кыргыздын чыгаан кызы Жаркын айымдын өмүр таржымалы ары татаал, ары кызыктуу. Айтылуу Талас жергесинде жарык дүйнөгө келип, сөөгү зор сый урмат менен Кокон шаарына коюлган Жаркын айым тууралуу санжыраларда, хандык тууралуу жазылган кол жазмаларда, өткөн кылымда жарыяланган эмгектерде өзгөчө сөз болот. Бирок тоталитардык доордо алардын баары калайык-калктан жашырылып, көмүскөдө калып келген. Маңкуртизм идеологиясы жалгыз эле Жаркын айымга эмес, эл арасынан чыккан чыгаан инсандардын бардыгына катаал мамиледе болуп келгени жашыруун эмес.

Жаркын айымдын ысмы тарыхта калышы Кокондун ханы Шералы хан менен байланыштуу. 1842-жылы Кокон хандыгы бухаралыктардын талоонуна кабылып, абалдан чыгуу үчүн бийлигинен ажыраган ордо билермандары Чаткал, Талас чөлкөмүндө жашап жүргөн Ажы бийдин (айрым маалыматтар боюнча Кожо бийдин) баласы Шералыга кайрылышат. Бул учурда жашы элүүнүн кырына келип калган Шералы Таластын Коёнтокой деген жеринде Жанболот бийдин элинде жашап жүргөн болот. 1798-жылы Кокондун башкаруучусу Нарбото бийдин көзү өткөндө, бийликке анын бир тууганы Ажы бий эмес, так талашууда жеңишке жеткен Нарботонун тун уулу Алим келет. Бийлик үчүн атасынын бир тууганын уругу менен жок кылууну көздөгөн Алимдин залимдигинен чочулаган Ажы бийдин жесири Умсунай эки уулун алып, төркүнүн көздөй качат. Ал айтылуу Таластагы Бүргө баа тырдын небереси болгон. Чаткалга келгенде күтүүсүз кырсыктан Шералы апасынан, бир тууганы Улукбектен ажырап, Таластагы таякелерине жалгыз келет. Жетим жетилет. Жигиттик баралына жеткенде таякелери ага багыш уруусунан Сонайым деген кызды алып берип, өзүнчө түндүк көтөрүп бөлүп коёт. Арадан жылдар өтөт, бирок эки жаш балалуу болушпайт. Кабатырланган таякелери Шералыны өздөрүнөн алыстатпай сөөк жаңыртып, Бүргө баатырдын небереси Асбердинин акылы зирек, өң-түстүү Жаркын деген кызына нике байлашат. Айрым жазма маалыматтар боюнча Жаркын айым Токтоназар дегендин кызы болгон деп жазылып калган. Бирок таласт ык санжырачылар иликтей келишип, Токтоназар менен Асбердинин бир тууган болгонун айтышат. Дагы бир маалыматтар боюнча Жаркын айымдын атасы Тогуз-Торо тарапта бий болуп турган. Шералыга Жаркын айымды алып бергенден кийин да ал көпкө чейин балалуу болбой жүрөт. 1903-жылы жарык көргөн Михаил Алибековдун «Кудаяр хандын үйбүлөлүк турмушу» деген эмгегинде Шералы ырым кылып, Өмүр деген баланы багып алат. Аны качан өзү бала-чакалуу болгондо да жакшы көргөнүн жазат. Ырым кылганы кабыл болуп, көп өтпөй Жаркын айымдан Сарымсак аттуу уулдуу болот. Сарымсактын артынан Нарчучук аттуу кыздуу, Кудаяр, Султанмурат аттуу уулдуу болушат. Ал эми биринчи аялы Соно айымдан да Малабек, Сопубек аттуу уулдуу, Аптап, Макляр аттуу кыздуу болушкан. Көпчүлүк изилдөөчүлөр Шералынын ордо менен эч байланышы болбогонун айтышат. Бирок Шералы ар дайым ордо менен тымызын да, ачык түрдө да туугандык байланышын уланта берген. Аны Шералынын кыздарынын атынан да көрүүгө болот. Аптап айым менен Айчучук айым атасынын бир тууганы Нарботонун кыздарынын, тактап айтканда, Алим хан менен Омор хандын бир туугандарынын атынан коюлган. Ал эми Макляр айым Омор хандын аялы, айтылуу Надира бегимдин атынан коюлган. Ошол эле Михаил Алибековдун эмгегинде Жаркын айым Шералынын сүйүктүү жары, а Кудаяр жакшы көргөн уулу болгону көргөзүлгөн.

Ошентип, Кокон хандыгынын кыйчалыш учурунда, 1842-жылы Шералы хан көтөрүлүп, аны менен чогуу келген кыргыз кошууну Кокондон бухаралыктарды сүрүп чыгат. Кокон хандыгында кыргыздардын таасири күчөйт. Шералы хан көтөрүлүп, Коконго журт которгон күндөн тартып, ордонун чок ордосуна Жаркын айым менен Соно айым үчүн ак өргөө көтөрүлөт. Жаркын айым өмүрү өткүчө ордодо тигилген кыргыз үйдө жашаган. 12 канат боз үй жана анын айланасында кошо тигилген бир нече кыргыз үйлөрү ордого нары көрк берип, нары ордону кимдер бийлеп турганын билгизип турган. Жогоруда аты аталган «Кудаяр хандын үй-бүлөлүк турмушу» аттуу эмгекте, «Хаким айым» деп көпчүлүк ызаат менен кайрылышкан бул айым карылыгында да эски адаты менен, турмушунун көпчүлүк бөлүгүн ал үчүн эски ордого тигилген кыргыз үйдө жашап өткөргөнү, жаңыдан курулуп жаткан хан сарайына көчүүгө үлгүрбөй, ал ошол тигилген кыргыз үйдө көзү өткөнү баяндалган.

Отуз жылга жакын ордодо «Хаким айым» аталган кыргыз кызы ушул тигилген кыргыз үйдө жашап, хандыкты башкарууга иштиктүү аралашкан. Жаркын айымдын ордодогу ишмерлиги Шералы хандын учурунда эле башталган. Ал ар дайым кыргыздын чыгаан билермандарын ордого жакындатып, Шералы ханды алардын таасиринде кармоого аракет кылган. Шералы хан тымызын азгырууларга алдырып, Нүзүп миң башыны ордодон оолактатып, Маргалаңга аким кылып, ал жерден жашыруун өлүм жазасына буюрганда, Жаркын айым жан алекетке түшүп, аны сактап калууга аракеттенген. Нүзүптүн өлүмү Шералы хандын бийлигинин да бүтүшү экенин алдын ала эскерткен Жаркын айым болгон. Чындыгында ошондой болду. Нүзүп миң башынын ордуна өзүнүн тун уулу Сарымсакты коюп, бийликти чыңдоого жасаган аракети да оңунан чыккан эмес. Анткени Нүзүп миң башынын артынан ордодогу тымызын оюндар уланып, чагымчылардын колунан Сарымсак каза табат. Көп өтпөй кезек Шералы ханга жетип, анын башы ыргыйт. Ордо тирешүүлөрүндө жеңишке жеткен Мусулманкул кеңеш куруп, Шералы хандын бой жеткен уулу Малабекти хан көтөрбөй, жашы жете элек, мүнөзү жумшак Кудаярды хан көтөрүшөт. Аларга чапчаң мүнөз, өз билгенин бербеген Малабектин тактыга отурушу ыңгайсыз болгон. Бийлик тизгини хан атынан сүйлөгөн Мусулманкулга тийген. Кудаяр хан көпчүлүк убактысын апасынын жанында, Мусулманкулдун катуу көзөмөлүндө өткөргөн. Апасынын тарбиясында өскөнү ар дайым көрүнүп турганы көпчүлүк эмгектерде эскерилет. Ошондуктан Кудаяр хан туур алуу жазма булактарда, Кудаяр хандын тууганчыл сезими күчтүү өнүккөнү, апасын өтө урматтап, бардык жагынан анын сөзүн эки кылбаганы айтылат. Ошондой эле Кудаяр хандын сырткы көрүнүшү ордодогу адамдарга түспөлдөшүп турганы менен, анын кыймылы, сүйлөө манерасы ар дайым кыргыз боюнча калганы баяндалат.

Кудаяр ханды Мусулманкулдун таасиринен алыс кармоо үчүн Жаркын айым ар дайым акыл-насааттарын айтып, кеп-кеңешин берип келген. Ошондуктан жашы жете элек Кудаяр ханга Мусулманкулга караганда апасынын жана анын туугандарынын таасири күчтүүлүк кылганы миң башыны көп түйшүк кө салып келген. Өзүнө жакындатуу ниетинде карачечекей кызын Кудаяр ханга никелеп, туугандык жагынан таасир этүүгө аракеттенип көргөн. Баласы Абдурахманды ага кумганчы кылып, жанынан чыгарбаган. Бирок анысынан майнап чыккан эмес. Жаркын айым менен Мусулманкулдун ортосунда тымызын тирешүүлөр күчөй берген. Тун баласы Сарымсактын өлүмү да Жаркын айым жана анын уулунун Мусулманкулга карата кегин күчөткөн. Ошондуктан кийин кыпчактар кыргынында Мусулманкул туткундалып, Кудаяр хан аны өлүм жазасына тартууга олку-солку болуп турганда, Жаркын айымдын чечкиндүү талабы менен ал Мусулманкулду даргага астырууга аргасыз болот. Аны 1869-жылы Орусиянын «Военный сборник» аттуу журналынын 7-санына басылган макала да тастыктайт. Мусулманкул өлүм жазасына тартылган соң, Жаркын айымдын кийлигишүүсү менен миң башылык кызматка Сузактын Кара дарыясынан чыккан Касым деген кыргыз келет. Арадан көп убакыт өтпөй 1855–1856-жылдары ордодогу чагымчылар Кудаяр хан менен Касым миң башынын ортосуна от жагышып, душмандаштырат. Кудаяр хан чагымчылардын сөзүнө кирип, Касым миңбашыны өлүм жазасына тартмак болот. Ошондо ортого Жаркын айым түшүп, хандын ал буйругун кайра алдырып, Касым миң башыны өлүмдөн алып калганын XIX кылымдын 2-жарымында ташкенттик Абу Убайдулла Мухаммад «Хуласатул ахвол» (кыскача өмүр таржымал) аттуу эмгегинде көргөзөт. Ошондой эле өлүм жазасына тартылган ордонун казына башчысынын өмүрүн да Жаркын айым сактап калганы көпчүлүк тарыхый даректерде учурайт.

1858-жылы Кудаяр хан менен анын аталаш бир тууганы Малабектин ортосунда катуу араздашуу болуп, ызаланган Малабек Анжиян вилаетинде аким болуп турган иниси Сопубекке келет. Ал жерден Алайдагы Алымбек датка, кара-суулук Асан бий (болочок Алымкул аталыктын атасы) менен ымалага келип, Кудаяр ханды тактыдан кулатуунун амалын издей баштайт. Ошол аймакта жашаган кыргыз урууларынын башчыларын чогултуп жыйын курат. Болочок орундан бөлүштүрүлөт. Бул кабар Кудаяр ханга жетет. Ошондо айласы куруган Кудаяр хан апасы Жаркын айымды арачы түшүп, элдештир деп суранып, Малабекке жиберет. Ошол мезгилде кыргыздардын арасына атайын орустар тарабынан тыңчылыкка жиберилген Чокан Валиханов да окуяга күбө болуп, ал Жаркын айым эки бир тууганды элдештирүү үчүн Карасууга келип, Малабекке иниси менен жарашуусун өтүнг өнүн жазып калтырган. Ал жерден адаттагыдай эле Алымбек датка менен Курманжандын сыйын көрөт. Алардын кеңешин угат. Бирок Жаркын айым бул сапар Малабекти макулдата алган эмес. Эки бир туугандын тирешүүсү Малабектин жеңиши менен аяктап, ал хан көтөрүлөт. Алымбек датка баш увазирлик орунду ээлеп, Асан бийдин уулу Алымкул эшик агалык кызматка келет. Мындан башка да хандыктагы мерчемдүү кызмат орундарын кыргыздар ээлейт. Кудаяр хан Бухараны көздөй баш калкалап качканы менен, Жаркын айымдын ордодогу ак өргөөсү чечилбейт. Ал ордодо жашап, өз таасирин сактап кала берген. Ордодогу кыргыздарга каршы аракеттерди элге жеткирип, бир канча кыргыздын кый ын чыкмаларын өлүмдөн сактап калат. Алсак, Мала хандын Узунагачтагы окуя үчүн Алымбек датканы жашыр уун өлүм жазасына тартканы Жаркын айым аркылуу Курманжанга жетип, ал өлүмдөн аман калат.

1865-жылы Кудаяр хан үчүнчү жолу такка отурганда Жаркын айымдын таасири дагы күчөгөн. Жаркын айымдын колдоо суна ээ болгон Шералы, Атабек деген кыргыздын чыгаандары ордодогу таасирдүү орундарды ээлешет. Атабек хандыктагы жөө аскерлерге жана артиллерияга башчылык кылса, Шералы атчан аскерлерге жетекчилик кылат. Шералы бир кабарда Таластагы Ажыбек датканын экинчи уулу болгону айтылса, Атабек Зыйнат датканын (айрым маалыматтарда Зыяда датка деп да учурайт) күйөөсү болгону айтылат. Кудаяр хан аңчылыкка кеткенде, же хандыкты кыдырып ордодон алыстаганда ордуна дайыма баш көз кылып Атабекти калтырып кетчү. Ушул жерден ордодо дагы бир зор кадыр-баркка ээ болгон, датка деген наамды алып жүргөн Зыйнат датка тууралуу да учкай айта кетели.

Зыйнат датка айрым санжыраларга караганда Жаркын айым менен бир тууган. Ал тууралуу да Михаил Алибеков жогоруда аты аталган эмгегинде: «Зыяда датка хан энесинин тууганы. Ал ордодо ардакка бөлөнгөн ыр жандуу ачык-айрым кыргыз. Зыяда хандын гареминин актыгын сактаган жана ал жердин тартибине көзөмөл кылган. Андан бардыгы коркушкан, ал турган жерде эркектер, аялдар сөзүн жоготушчу»,– деп мүнөз дөлөт. Ал эми 1886-жылы Казань шаарында басылган В.П.Наливкин менен М.С.Наливкинанын «Ферганада жашаган жергиликтүү аялдардын турмушунан очерктер» аттуу китебинде да Зыйнат датка тууралуу учкай маалымат кездешет. Анда: «Кокондо бири Зыйнат, экинчиси Махзуна деген ат менен чыгарма жазган эки акын аял бар. Айтылгандарга караганда алардын бири хандын сарайына жүзүн жашырбай эле, эркек кийимчен кирип-чыгып жүргөн аял, анын генерал-датка деген наамы болгон. Бул эки акын аялдын ырлары Умар хан жана анын сарайындагы акындар тарабынан иретке келтирилип: «Акындардын ырлар жыйнагы» деген жыйнакк а киргизилген»,– деп көргөзүлөт. Бул эмгекте айтылган мүнөздөмө толугу менен Зыйнат даткага тиешелүү. Төңкөрүшкө чейинки авторлордун көпчүлүгү кыргыз аялдарын эркекче кийинип жүрүш көн деп жазышкан. Наливкиндер да Зыйнат датканы эркекче кийинип жүргөн деп бекеринен жазбаган. Анткени ал Наманган үйөзүндө жашап жаткан убагында ал жердеги өзбектердин оозунан Зыйнат датка тууралуу жазып алышкан. Ал эми өзбектер алжапкыч жамынбаган ордодогу кыргыз аялдарын көрүшүп, эркекче кийинг ен аялдар деп эсептешкен. Бирок Зыйнат датканын ыр жазганына, анын ырлары Омор хандын мезгилиндеги (1810–1822-жж.) жыйнакка киргизилгенине келгенде эрди-катын Наливкиндер жаңылышкан. Анткени алар Молдо Нияз Мухаммад Кокондинин «Тарыхы Шахрухи» аттуу эмгегинде айтылган Омор хандын учурунда басылган «Маджму-аш-шу ара» («Акындардын ырлар жыйнагы») ыр жыйнагындагы Зыйнат шах аттуу акынды Зыйнат даткага чаташтырып алышкан. Бул 1819-жылдары жарык көргөн жыйнактагы Зыйнат шах аттуу акын эркек экен диги айтылат. Ошондой эле Наливкиндер тарабынан чаташтырылып жазылган бул кабарды кийин өзбекстандык окумуштуу, тарых илиминин доктору Х.Н.Бабабеков ого бетер чаташтырып салды. Ал 1989-жылы Өзбекстандын «Еш күч» журналына Курманжан датка тууралуу макала жазып, анда: «175 жыл бою бийлик кылган Кокон хандыгынын акырындагы ар түрдүү өкүм заңына катышкан бирден бир аял Курманжан датка болгон. Ал эми анын генерал наамына татыктуу болгондугуна саресеп салсак, анда Зыйнат деген ат Курманжан даткага гана тийиштүү экени айдан ачык»,– деп бышыктап салат. Ушул макаладан кийин Жаркын айымдын бир тууганы Зыйнат датка Курманжан даткага айланып, элдин арасында да кадыресе кабыл алынып, коомдук пикир түзүлүп кетти. Зыйнат Курманжан датканын ыр жазгандагы жашыруун аты деген азгырыкка тарыхты чала моңол түшүнгөн, жыл эсептөөгө акылы жетпеген, сенсациянын артынан түшкөн айрым филологдор азгырылып кетишти. Бир эле мисал, 1819-жылы Омор хандын учурунда «Акындардын ырлар жыйнагы» басылып жаткан учурда Курманжан болгону 8 жашар секелек кыз болгон. Ал баралына келип, даңазасы хандыкта таш жарып турган учурда анын сөзгө чечен, куюлтуп кошок кошуп, айтыштарга аралаша калып жүргөнү тууралуу маалыматтар арбын. Анда талаш жок. Бирок 8 жашар кызды фарси тилинде, псевдоним менен ыр жазган деген бышыктоонун өзүн өзү сыйлаган изилдөөчү эч качан айтпас эле. Экинчиден, жогорудагыдай көз карашты карманышкан изилдөөчүлөр ордодо зор таасирге ээ болуп келген. Жаркын айым менен анын бир тууганы Зыйнат датканы таптакыр билбегени айдан ачык көрүнүп турат.

Анда кайрадан хан энеси Жаркын айымга кайрылалы. Төңкөрүшкө чейинки Кудаяр хандын өмүр таржымалын иликтеген авторлордун, анын ичинде Михаил Алибековдун жогоруда аты аталган эмгегинде: «Кудаяр хан күнүгө эртең менен апасына салам айтууга кирип, анын кеп-кеңешин уккандан кийин гана хандык милдетин өтөө үчүн киришкен. Жаркын айым ар дайым ак элечекчен жүрүп, боз үйдө, накта кыргыз турмушун башынан өткөргөн. Ордодогу бардык кызматчылар андан айбыгышкан жана айтканын эки кылбаган»,– деп баяндалат. Чындыгында, Жаркын айымдын ак өргөөсү кыргыздар үчүн ар дайым ачык болуп, ордого келген элеттик кыргыздар анын сыйлуу коногуна айланган. Кыргыздын чыгаан кыздары, Жаркын айым, Курманжан датка, Зыйнат датка акылдашып, сырттан караган адамга хандыкты алар башкарып келгендей сезилчү. 1868-жылы Жаркын айым ордо калаада каза болот. Ал тууралуу кабар тоо арасындагы кыргыздарга жетип, ордого көп сандаган кыргыз үйлөр көтөрүлүп, элеттик кыргыздар Кокондогу хан энесинин тажиясына агылып келет. Шаар ичине атчандар батпай, аларды көргөн шаар калкы айбыгып, короосунан чыкпай көпкө чейин дымып жатышат. Жаркын айымдын сөөгү зор урмат менен жерге коюлат. Шаар аралай арабага салынган Жаркын айымдын сөөгүнүн жанында Кудаяр хан, анын бир туугандары, балдары жөө жандашып көз жаштарын көлдөтүшөт. Алардын ызы-чуулуу ыйларын артта келе жаткан атчан кыргыздар, жөө-жалаң ээрчишкен шаар калкы коштоп, Кокон шаарын дүңгүрөгөн добуш каптайт. Ордодо көтөрүлгөн кыргыз үйлөр, Жаркын айымдын ак өргөөсү жыл бою чечилбей, күн сайын кошок кошулуп, Жаркын айымдын даңазалуу өмүр жолу эскерилип турган. Кийинки жылы кыргыздын салты менен ордо калаада Жаркын айымдын ашы зор салтанат менен берилет. 1869-жылы Кудаяр хан апасынын урматына жаңыдан салынып жаткан ордо сарайынын жанындагы мечиттин чыгыш тарабына кооз медресе салдырып, айланасына бак отургузат. Ал медресе Хаким айым медресеси аталып, шаардагы кооз курулуштардын бирине айланган.

Кийинки 1870-жылы Кудаяр хандын эжеси Нарчучук айым каза болуп, анын сөөгү да зор урмат менен жайына коюлат. Ошол мезгилдеги авторлордун жазып калтырганына караганда апасы Жаркын айым менен эжеси Нарчучук айымдын өлүмү Кудаяр ханга өтө катуу таасирин тийгизген. Ал түгүл анын бийлигинин алсыз дана башташын да апасы менен эжесинин өлүмү менен байланыштыргандар болот. Алардын антип жазгандарынын да жүйөлүү жактары бар. Анткени ал дайыма апасынан, эжесинен баалуу кеңештерди алып келген. Апасы ордо менен кыргыздарды жакындаштырып турган өзүнчө бир борбор болгон. Хан ордосу менен жанаша тигилген боз үйлөр кыргыздардын ак өргөөсүн элестетчү. 1871-жылы эжесинин ашы берилген соң, ордодогу кыргыз үйлөр алынып салынган. Кудаяр хандын айланасын Иса олуя сыяктуу эки жүздүү инсандар ээлеп алышкан. Алардын кеңеши менен башкарган Кудаяр хан элди өтө эзип жиберген. 1871-жылдан баштап, хандыктын ар кайсыл аймактарында элдик толкундоолор башталып, ал 1873–1876-жылдардагы кубаттуу элдик көтөрүлүшкө өсүп чыгып, натыйжада Кудаяр хан жана анын мураскору Насреддин бек тактыдан куулуп, бөтөн элде, бөлөк жерде зарлап жүрүп көз жумушат. Ал эми Жаркын айым, анын бир тууганы Зыйнат датка тууралуу жакшы сөздөр эл арасына жайылып, алардын ысмы түбөлүккө элдин эсинде сакталып кала берген.

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ

БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА

Акырет кеткен көп эле көйкашка замандаштарыбыздын күйүтүн тарттык, анын ичинде Бүбүсара Бейшеналиевадан ажыраганыбызда кабыргам айрыкча кайышты. Буга көп себептер бар. Баарыдан мурда ал эл таалайына чанда бир туш келер табылгыс жан эле. Менин оюмда, кыргыз элинин маданий жактан дүркүрөп өркөнү өскөн бүткүл соңку жаңы доорунда Бүбүсара Бейшеналиева анын айдың тунук асманында балбылдап жанып чыккан улуттук биринчи жылдыз болду. Айтор, аны ар дайым эстеп, ойлой жүргөнгө жалпы мааниде болсун, жеке мааниде болсун, мен үчүн олуттуу, терең көп эле жүйөлөр табылат.

Ойлоп отурсам, кээде мага көзү өткөн замандаштарды эскерүү сыяпаты тек бир аргасыз амалдай көрүнүп кетет. Анткени эскерме деген кантсе да эскерме да, ал баары бир адамдын тирүү кезиндеги түп насилин, жандуу элесин түгөл тартып бере алмак беле. Ошентсе да пенде болгон соң өткөн-кеткенди эстебей жүрө албайт экенсиң. Демек, эскерме деген өткөн өмүрдүн өктөөсү, ошондуктан ал көп учурда бир жактуу болуп калышы мүмкүн. Бирок кээде ошол эскермелердин өзүн тамызгыдай дүрт эткизе жандантып жибере турган жаңы бир нерселерди да айтып коюшуң ажеп эмес.

Мен болсо Бүбүсара Бейшеналиеваны биринчи мерте иш үстүнөн кандайча болуп көрдүм эле, адегенде ошону айтып берсемби дейм. Албетте, мен аны буга чейин, студент кезимде эле билчүмүн, сахнада эчен курдай көргөм, атпай кыргыз журту, дегеле өнөр баркын билген адамдар аны канчалык урматтаса, мен да ошончолук урматта чумун.

Бул 1959-жылы жай айында болгон иш. Чакан делегация менен Кыргызстандан Кронштадттын аскерий деңизчилерине мейманга бара турган болуп калдык. Ал жерден бизге делегациянын мүчөсү катары Бүбүсара Бейшеналиева кошулмакчы экен. Бирок Ленинградга келип түшкөнүбүздө анын айтылуу «Чолпон» балети боюнча фильмге тартылып жатканы, андыктан биз менен бирге болууга чолоосу тийбей турганы анык болду. Бул балет ал кезде кыргыз опера жана балет театрынын башкы спектакли эле, эл аваз кылып, абдан ооматы жүрүп турган чагы эле.

Айтмакчы, ал бүгүн деле биздин театрдын классикалык репертуарынан түшө элек. Режиссер Р.Тихомиров ал кезде «Ленфильм» студиясында «Чолпон» фильм-спектаклин тартып жаткан, иш абдан кызып, кычап турган маал экен.

Кыскасы, Бүбүсара Бейшеналиева чолоосу жоктугунан биздин делегация менен чогуу боло албай турганын укканы бызда абдан өкүндүк. Бирок аңгыча болбой эле биз токтогон мейманканага ал өзү келип калды. Көрсө, оңдой берди болуп, бир-эки күнгө колу бошой калыптыр, биз менен бирге жүрүп, Кронштадга барарын, андан соң студияга кайтарын айтты. Буга баары кубанып калды.

Ошентип, түгөл баарыбыз Кронштадттын аскерий де ңизчилерине барып жолугушуу өткөрдүк, невалыктардын сыяпатын көрдүк. Оңтою келип тургандыктан, «Ленфильм» студиясында болуп, биз үчүн эми бүгүн кымбат табериктей болуп калган ошол айтылуу фильм кандайча тартылганын адеп өз көзүм менен көрдүм. Окуянын эң кызык жери – Айдайдын бирде түрү суук жез кемпир болуп, кайра андан көз тойбос көзөл болуп кубулган учуру тартылып жаткан экен. Эмеле жылдызы жайнап, ажарына акылы төп келип, жүзүнөн сүйкүмү төгүлө, көптүн бириндей болуп биздин арабызда жүргөн Бүбүсара Бейшеналиева кулис артына кирип кетип, бир оокумда кайра чыкты да, камеранын алдына келип, баш-оту менен таптакыр башка дүйнөгө аралашып кетти. Көз алдымда болуп жаткан бул көрүнүш, арийне, мен суктанып, таңданбай коё албай турган анык кереметтин өзү эле. Бүбүсаранын өнөрү мага ошондо эс тандыргыдай эле таасир калтырды. Арийне, мен мунун улуу бийчинин аткарып жаткан актердук оюну экенин түшүнүп турдум деңизчи, бирок көз алдыңда, илме кайып иш сыяктуу минтип кадимки эле адамдан сахналык кейипкерге айланып, андан ары дагы башка тейге келип кубулуп турса кантип таңданбай коё аласың. Ар бир адамдын өмүрүндө тарыхый күнү, жылдыздуу сааты болот дешет, ушул мааниде алганда бул мен үчүн тарыхый учур эле.

Балеттеги ушул бир үзүм окуяны Бүбүсара Бейшеналиева өзгөчө бир эргүү менен аткарды, кийин фильм тартылып бүткөн соң биз аны көпкө чейин талкуулап ой бөлүшүп, өнөр табияты жайында узак аңгеме-дүкөн курдук.

Калп айткан менен болобу, мурда мен балет дегенге сыртымды салып чанбаганым менен, ага анчейин деле ыкласым тартыла берчү эмес. Балким, бул менин жаш кезимде алган тарбияман чыгар, анткени биз адамдын табышкерлиги, бүйрөлүгү жана тиричиликке тирикарактыгы көбүрөөк баркталып, көбүрөөк бааланган учурда бой тартып, торолуп калбадыкпы. Ал кезде, айрыкча согуш мезгилинде жана согуштан кийинки жылдарда искусс тво, жан дүйнөнүн торбосу бөксөбү же толобу, бул жагы анчалык аздектеле берчү эмес. Кейпи, мунун баары менин балет жөнүндөгү түшүнүгүмө аздыр-көптүр таасирин тийгизген болуу керек. Албетте, мындан эчтеме деле өзгөрүп кеткен эмес, балет өнөрү менсиз деле, менин ага кандай мамиле жасаганыма карабастан, өз жөнү менен жашап, өз жолу менен өйдөлөп өсө бермек.

Бүбүсара Бейшеналиева балет дүйнөсүндө дал ошол жылдарда пайда болду. Булардын баарын айтып жатканым, эстен кеткис дал ошол күндүн шарапаты менен, биздин көз алдыбызда тартылган дал ошол фильмдеги Бүбүсара Бейшеналиева нын адамды суктанткан өнөрүнүн таасир аркасында менин балет жөнүндөгү билип-баккан баштагы түшүнүктөрүмдө кандайдыр бир байкаларлык бурулуштар болуп өттү, мына ушуну айткым келет.

Кийин мен бул фильмди эчен курдай көрдүм. Азыр да «Чолпон» фильминин ар түрдүү үзүндүлөрү бир картинадан экинчи картинага өтүп, маал-маалы менен эски журттун көзүндөй жылуу учурап, көзгө чалдыга калат. Ар бир ирет мына ушул үзүндүлөрдү көргөн сайын, мен Ленинграддан ошол жайды, ошол күндү эстейм…

Искусство жагына келчү болсок, жогоруда айтылган сөздү улагым келет. Менин балетке куштарлыгым артылып, ага «коошо» башташым дал ушул образ аркылуу – Бүбүсаранын өнөрү аркасында болду. Кеп жок, ал сахнанын таалайы үчүн тагдыр өзү жараткан урумдан ашкан бийчи эле.

Өмүрүмдө таланты таш жарып, улуу аталган далай эле аткаруучуларды, бийчилерди көрдүм, балким, бул менин жеке ыкласыман улам чыккан кептир, бирок мени мынчалык толкундатып, жан-жүрөгүмө өчпөс изин калтыра алар башка бир керемет талантты мындан ары, мүмкүн, эч качан көрбөс түрмүн.

Бүбүсара Бейшеналиева өз иши, өз кесиби, өз өнөрү дегенде жанын төшөп берген адам эле. Ошондон улам Ленинградда Ваганов атындагы окуу жайына киргенден тартып анын бүткүл аң-сезимдүү өмүрү чыпчыргасы менен бүт бойдон сахна үчүн сарп болду.

Кыргыз театрына Бүбүсара беш көкүл чагында келген, үйрөнчүк болуп жүргөн ошол кезинен сакталып калган бир үзүм кинокадр бар. Кызын көргөнү айылдан ат ары тып келген апасын утурлап Бүбүсара театрдан, кейпи түз эле репетициядан болсо керек, чуркап чыгат. Ошол күндөн тартып өмүрүнүн соң ку күнүнө чейин ал сахнадан бөлүнгөн эмес, өзүн балетсиз, театрсыз күнү өтпөстөй көргөн. Албетте, өз ишин өзгөртүп, ага жараша тагдырын да кошо өзгөртүп, өмүрүн башкача жыйынтыктай алганга анын мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок искусствону жаны менен бирге бүткөнсүп сезгендиктен, ал сахн ага берилген бойдон калды, бул болсо анын адамдык насыл-наркын, жан дүйнөсүнүн асылдыгын далилдеп турат.

Кээ бирде ойлоно калам, бу искусство деген дүйнөдө, анын ар кайсы чөлкөмүндө, айталы, адабиятта, театрда, балетте, операда ар түрдүү аткаруучулар, кесипкерлик камылгасы жетиштүү, кыскасы, өз ишин жакшы билген эчен бир адамдар бар. Ошентсе да мага көп учурда бул дүйнөнүн эң башкы нерсеси – искусствону искусство атантып, адамдын көңүл кушун кылтактап, аны аруу кылып, тазартып турган касиет башын байлап, дилин берген ыкласмандык, искусствонун күчүнө жана муратына айныбай ишенген кайтпас медил жетишпей жаткансып кетет.

Майдабы же чоңбу, айтор, маданияттын ар кайсы чөйрөлөрүнөн жулунган жуйкурлукту азыр деле аз кездештирбейсиң, аны тыптыйпыл кылып тыйып да сала албайсың. Бул жагынан алганда эсеп-кысап кылмагы ар бир адамдын өзүнө багыныңкы, ар ким өз абийирине жооп бергени лаазым. А мен болсо кыйналып искусство менен адабиятты кара жемсөө үчүн пайдаланып жаткандарды көрүп, балким, бул баарыбызга тийген жалпы туюк тумоо болуп жүрбөсүн деп камсыга, көңүлүм кыроолонуп, кыжаалат болгондо Бүбүсара Бейшеналиеваны эстейм да, анын кандай актриса, өз искусствосунун кандай сүрөткери, дегеле кандай адам болгонун ойлоп, өзүмө андан рухий жөлөк таап, кадимкидей чыйралып, демдене түшөм.

Бул өзү айтып түшүнтө алгыс бир кызык сезим: мындайынан караганда, кесип туткан ишибиз эки башка, а бирок алардын тамырлары келип бириккен өзөгү бирөө, ар түрдүү өнөр менен арбалышкан адамдарды ич ара жакындатып, жамаат кылган искусствонун башаты бир, көркөм ойдун көрөңгөсү бир.

Бул боюнча көңүлдө калган таасирлерди бөлүшүп, алардын чоо-жайын чечмелеп дагы далай сөз айтсак болор эле. Бирок менин жеке баамымда Бүбүсара Бейшеналиеванын образын музыкада гана ажарына жеткирип ачып берүү мүмкүн сыяктанат. Ал эми сөз өнөрүндө, ал турсун кимибиз болбойлу, тилибизден мөөрүбүз көрүнүп, калемибизден көөрүбүз төгүлүп турган күндө да буга жетишүү кыйын, не дегенде адамдын көңүл-көмөкөйүндө көлкүлдөп турган ой-сезимдин баарын эле сөз менен айтып бере албайсың. Андыктан Бүбүсаранын келбет-сынын, адамдык ажарын бир болсо музыкада гана кемелине келтире көрсөтүүгө болот.

Учкул мезгил закымдап өтүп жатат, андан бери канча жыл кайып болду. Турмуш деген турмуш, анын арыбаган ташпиши, күйпөлөктөткөн күнүмдүк абыгерчилиги бүтмөк беле. Мунун баары адамды күймөлтүп, ары-бери калчап алагды кылат, каруу күчүн алып, өткөн-кеткен көп ишин унуттурат. Ошондо да Бүбүсара Бейшеналиеванын өнөрүн өз көзү менен көрүп, ага куштары байланган көп адамдар үчүн, алардын ичинде мен үчүн анын элеси эч качан чыкпас деп ойлойм.

Караң калгыр, балет деген көз үчүн жаралган өнөр болбой калса эмне… Деген менен кайрият, эми минтип кинофильмдер тартылып, балеттен бир ирет аткарылса экинчи кайра кайталанбас кайрыктарын «кармап» калууга, сактап калууга мүмкүндүк болуп олтурат.

Бий дегениң бир карасаң баарынын эле колунан келе турган иш сыяктуу көрүнөт. Айтору, ар бир адам өз алдынча бирдеме ырдай алгандай эле эптеп бирдеме бийлей алат эмеспи. Эгер ушуга таянсак, анда бий өнөрү деле ар кимдин колунан келер жумуш болууга тийиш. Бирок бул бир караганда гана ушундай… Азыркы балет өз короосунан арылап чыкканга, жаңы өнүмдөрдү табууга астейдил кирише баштады. Кала берсе классикалык адабий-көркөм чыгармаларды балет тейи не салып, сахнага алып чыкканга аракеттенип жатышат. Бул канчалык түрдө оңунан чыгат, кандай өтөлгө берет, келечекте өнүгүп-өсүп кете рине омоктуу огожосу барбы-жокпу, ал жагын азырынча айтуу кыйын. Бирок балет изденип жатат, өзүнүн жаңы көрүнүштөрүн жана формаларын тапкысы келип жатат. Менин бекем ишенген нерсем бу: кандай учурда болбосун балеттин эбак табылган, эбак таанылган негизи – классикалык балет, классикалык жанрлар, классикалык сюжеттер бар, алар өзгөрбөй калат. Буга улуттук балеттин көп жактарын кошуп өркүндөтсө болот. Ушул мааниде айтканда, мен үчүн Бүбүсара Бейшеналиева – классикалык кебелбес образ.

Менин ыкыбалыма балеттин насили асыл, руху би йик, урумдан ашкан улуу (көзү ачык) көзөлүн көрүп-билүүнүн бактысы туш келгенине курсантмын. Албетте, Бүбүсара Бейшеналиеванын башка да ролдору болгон, анын чыгармачылыгын үргүлжү караганыбыз абзел: репертуарын, жалпы жетишкендиктерин. Бирок «Чолпон» балетиндеги Айдайдын партиясы, менимче, анын искусстводо жеткен эң бийик оролу болду.

Чыңгыз АЙТМАТОВ

* * *

Б.Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Чүйдөгү Аламүдүн районундагы Таштөбө кыштагында туулган. Ал белгилүү советтик балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. СССРдин эл артисти (1958). Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1936–41-жж. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган. 1948–49-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А.Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солис ти (1946-жылдан башкы солист). 1947-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1954-жылы Республиканын эл артисти наамын алган. 1949-жылдан Фрунзедеги хореографиял ык окуу жайынын педагогу.

Бейшеналиева кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасында (1939) бийлеп чыккан. Сахнада тунгуч ирет В.Власов менен В.Ференин «Селкинчек» (1943-ж., балетмейстер Л.М.Крамаревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен зор бийчилик жөндөмү жана жакшы профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн. Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» (комп. М.Раухвергер, балетмейстер Л.М.Крамаревский) жана «Раймонда» (композитор А.Глазунов, балетмейстер В.В.Козлов) спектаклдеринде ачык-айкын байкалган. Андан кийинки негизги аткарган ролдору: Лиза (П.Гертель «Курулай сактык», 1948), Мария жана Зарема Б.Ас тафьев, «Бахчисарай фонтаны, 1949), Одетта-Одилия (П.Чайковский «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Р.Глиэр «Кызгалдак», 1953), Апар (В.Власов жана В.Фере «Апар», 1950, 1957), Вакханка (Ш.Гупо «Вальпургий түнү», 1952), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М.Раухвергер «Чолпон», 1953, 1958), Лючия (В.Юровский Италия асманы астында», 1954), Эсмеральда (Ц.Пуньи «Эсмеральда», 1955), Сайра (В.Власов менен В.Фере «Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П.Чайковский «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К.Молдобасанов менен Т.Оку нев «Куйручук», 1960), Фаини (И.Штраус, «Чоң вальс», 1961), Медор (А.Адан, «Корсар»), Джульетта (С.Прокофьев «Ромео жана Джульетта», 1962), Лауренсия (А.Крейн «Лауренсия», 1963), Франческа (П.Чайковский «Франческа да Римини», 1963), Сильфида (Ф.Шопен «Шопениана», 1966), Китри (Л.Минкус «Дон Кихот», 1967), Асел (В.Власов «Асел», 1967), Солистка (М.Равель, «Болеро» 1970).

Б.Бейшеналиева улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүн дөй бир галереясын жаратып, өзүнүн көп кырдуу артистт ик талантынын бардык көркү менен ар тараптан ачууга жетишкен.

Ал кыргыз профессионалдык хореография өнөрүнүн башында туруп, анын калыптанышына жана азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө өтө зор салым кошкон, жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук салттарын мурас калтырган. Ал «Чолпон» балетинде алгач Чолпондун аруу жана назик романтикалык образын түзсө, кийин сыйкырчы Айдайдын карама-каршылыктуу, темпераменттүү, таасирдүү портретин түздү. Аселдин образы аркылуу жаңы заманда тарбияланган кыргыз аялынын муңайым, эрктүү, татынакай мүнөзүн психологиялык жактан жеткилең ачып берди. Артисттин тубаса бийчилик жөндөмү, классикалык бийдин техникасын ойдогудай өздөштүргөнү, образдын ичине терең кире билгени, ченде жок жароокерлиги Раймонда, Одетта-Одиллия, Тао Хоа, Джульетта, Франческа сыяктуу классикалык балет каармандарынын көркөм элесин жаратууда айрыкча айкын көрүндү. Ал түзгөн хореографиялык портреттердин басымдуу көпчүлүгү кыргыз классикалык бий өнөрүнүн бийик эталону болуп, жалпы совет балетине ортоктош ийгиликтерге айланды.

Б.Бейшеналиева телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчилик өнөрү үчүн тубаса көрктүү мүчөнүн бийик профессионалдык мадан ият менен шайкеш келиши, терең психологизм менен айкын интеллектуализмдин, назиктик менен кайраттуулуктун, кыймылдын таамайлыгы менен эмоциялуулугунун айкалышы өтө мүнөздүү. Артисттин ар бир көр сөткөн оюну сулуулуктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын майрамына айлана турган.

Б.Бейшеналиева кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көп жерге чыгарган. Ал катышкан «Чолпон» балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Ал ошол эле Румынияга (1953), Чехословакияга (1967), Канадага (1967), Азия жана Африка өлкөлөрүнүн бир катарына барып бийлеген. Өзгөчө кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-декадасында (1958) Бейшеналиева борбордук көрүүчүлөрдүн да, адис тердин да эң жогорку баасын алууга арзыган. Башкы партиясын Бейшеналиева аткарган «Асел» балети мыкты опералык жана балеттик спектаклдердин конкурсунда (1967) сыйлык алган. Ошол эле ролду аткарганы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (1970). Б.Бейшеналиева узакка созулган катуу оорудан кийин 1973-жылы 10-майда каза болгон.

(КСЭден)

ЗУУРАКАН КАЙНАЗАРОВА

Бирде сээлдеп булут түрүлө түшүп, күндүн көзү көрүнө калат да, жер жүзү кайра түнөрүп электен куйгандай жамгыр сабалайт. Көк ыраң өсүмдүктөр чачтай сеңселип, таш жолдон жылт-жылт булактар агууда. Дубал-дубалдын кырында канаттары суу бирин-экин каргалар олтурат. Бак-дарактар жашыл тартып, жаанга жуулган мөмөлөр мончоктой мөлтүрөйт.

Бах-х, жаан эмес бекен, э! – деди «Виллисте» келаткан секретарь. – Жер какшып бараткан эле. Бул жаан артыкча кызылчага сонун!

Айнектен майда-майда булактар чубуруп, капоттун үстү жуулуп келатат. Жаан бризентти дабыратып, мотор дун доошу кайдадыр житкендей кулак учунда. Шофер педалдан бутун алды, алкакты жай айландырды: жүрүшү акырындай түштү да, «Виллис» тоо жакка бөлүнгөн жолго бурулду.

Жол оор тартып, машина жай келатты.

Колхоз жерлери. Кызылча аянттары. Күн ачык болсо бардык звено чабыкка чыгышып, эмгек кызып, теребел көңүлдүү болмок. Эртеден бери жаан, кишилер жумушка чыгышкан эмес. Ар ким өз үйүндө, терезеден көз алышпай кубанып олтурушкан кез:

  • Бали, төгө түш, төгө түш! Кызылчам чоң өссүн. Кызым жибек кийсин!

Жол жээгин суу жептир. Эзилген ылай резинага илээшип, мотор күжүлдөдү. «Виллистин» арты тыяк-быякка кетип, термелип алды.

Жаан да баягыдан күчөп себеледи… Берегиде алда ким жүргөнсүйт. Ооба, ал киши! Ал тургай кетмени да бар, иштеп жүрөт!

  • Ну, Вася. Баралабызбы!
  • О-о, аксакал, арыктар бар. Тыгылабыз.
  • Стоп!

Өз ишине дасыккан Василий тормозду тып басты.

«Виллис» токтой калды.

  • Айда, тигил ким? Билчи.
  • Беш-он минута өтпөй резина өтүгүнө ылай илээшип, тигил шофер келди:
  • Аксакал, ал – Зууракан! Иштеп жүрөт.
  • Кантип, жаандабы?
  • О-о, мени кубалады… «Ой ак кол кет! Иштеген кишиге мишайт этпе?» – деди.

«Караңызчы, колум акпы?» дегенсип Василий майланган чың алакандары менен жаанды чеңгелдей силкилеп күлдү:

  • Мени ак кол – дейт. Күн-түн баранкадан кетпейт… Ай, Зууракан, Зууракан!

«Виллис» ордунан козголгондон кийин да Василий башын чайкады:

  • Ай, ай, Зууракан тим эле алп. Жаанды тоотпойт, иштеп жүрөт!

«Ырас, Зууракан эмгектин алпы – деди секретарь… – Ушундай сонун адамды жамандап да ушактар… Эх, ич тардык, ич тардык… Жок ага жолугуш керек. Жаанда иштеши артык!

  • Стоп!

Шофер тормозду басты.

  • Күтө тур, Вася!

Кыроолоно сеңселген жаш шибердүү кыртышты жээктей ашыга басты. Суукта турган кежир кызын аяган ата…

жакын келген катчы энтиге сурады:

  • Ой, Зууракан, эмне кылып жүрөсүң жаанда?

Этек-жеңи түрүлүү өз ишинде камбыл жүргөн Зууракан ишин токтотподу. Жоолугу саал артына шиленип, жаанга сууланышкан маңдай чачтары топтолуп, чекесиндеги жаан тамчысы тер сыяктанат. Кетмен сабын күчтүү колдору бекем кармаган. Жашы элүүгө таяп келсе да алп кебетеси күчтүү, кайраттуу. Колдору эпилдеп тез-тез кыймылдайт, бирок тулку-бою козголбойт.

  • Ой, бала! – деди райкомдун катчысын Зууракан. – Сени ким чакырды мында?!
  • Өзүм келбейинби мен да.
  • Өзүң келбе, руксат жок…
  • И! – деди катчы. – Тигил Васяны кубалаганың да жетишет. Менин сөзүмдү ук!

Зууракан ишин токтотподу:

  • Азыр иштемин. Сөзүң болсо, анан айт.
  • Жок, азыр айтам.
  • Сен кеңсаларыңда токтом жазып олтурсаң, мен мишайт кылбайм. Сен да мага мишайт кылба!
  • Алла эмесе, – деди сөзгө такала калган катчы мостоё. – Ишиңди токтот!
  • Токтотпойм.
  • Жок, токтот.
  • Эмне, сен түшүмгө каршысыңбы?
  • Жаанда иштебе… Түшүм-түшүм, ден соолук да керек.
  • Ой, бала,– деди Зууракан күлө,– бир чүчкүрүп, эки күн чүмкөнгөн эркеңердей көрбө бизди. Ушул мемиреп себелеген жылуу жамгыр ден соолукту сактайт кайра!

Сөз таап айталбай калган катчы оозун ачкан калыбында бир саамга токтоло калып, Зуураканды бажырая карады. «Баса, – деди анын ою,– Зууракан үчүн бул жаан кеп эмес да!»

… 1902-жыл. Жыртылып отко, эңкейип жерге жакын болуп, өлбөстүн күнүн эптеп өткөргөн Кайназардын зайыбы кыз төрөдү. Кыздын аты Зууракан коюлду. Леп-леп жорткон таң эртеңки төрдүн желиндей балалык чактын тентек да, жайдары күлкүдөй эрке кездери Зуураканда ачуу кайгы, оор түйшүктө өттү. Оор күндөр өчкүс тамгасын жанга батырды. Ал он бирге жашы жаңы келип, саамай чачы сербейген секелек кезинде кой кайтарды. Жаздын ысык аптабына бышты, кыштын ызгаар суугуна чыдады. «Бечара» – деп маңдайынан сылап, аны аяган эч ким болгон жок. Бирде койчу, бирде үй кызматчы – түйшүктүн залкардай оор жүгү жыл өткөн сай ын оордобосо Зуураканда жеңилдебеди. Ал байбиченин заардуу тилин укту, таягын көтөрдү. Эптеп өлбөстүн күнүн өткөрүп, туура он беш жыл батрактык турмушта эзилди.

1930-жылы Зууракан колхозго өттү.

Башта алп күчүн жумшап күн-түн иштесе да анын ийгилиги чеке жылыткан эмес. Ийин бүтөлбөй, курсак тойбой эмгек түпсүз кудукка куюлган. Мээнетти Зууракан сыңары батрактар тартышты, анын рахатын байлар, байбичелер көрүштү.

Ал эми колхозго өткөнү Зууракан өзү үчүн эмгектенди. Анын алп күчү берген зор ийгилик көзгө тез көрүндү, үзүрүн берди. 1932–1933-жылардан тартып, Зууракан кызылчада баса иштеди. Башта кызылча эгип көрбөгөн кыргыздардын көбү адегенде кызылчаны жектешти. Зууракан антпеди. Ал биринчи күндөн тартып эле өз ишинен ийгилик беришке тырышты. Замандаштарынын тажрыйбаларын тез өздөштүрүп, ага өзүнүн тажрыйбасын улады.

Ал звеного жетекчилик кылды. Ар жылына бир гектардан 800–1000 центнерден түшүм берип турду.

Башта, адилетсиз бийликте Зуураканды басынтып жүдөткөн эмгек, азыр социалисттик түзүлүштө анын даңкын чыгарды. Ал кетмен гана чапкан киши эмес, ал ишмер 1937-жылы биринчи чакырылышында СССР Жогорку Советине депутат, 1939-жылы Зууракан жалпы Союздук айыл чарба көргөзмөсүнө катышат, Чоң алтын медалын алат. Ошол эле жылы Ленин ордени менен сыйланат.

Ишинин ийгилигин көргөн сайын Зууракан эмгекке берилди. Аны эч ким ишке чеккен жок. Ал тургай күн жаап турганын көрүп, ал звеносундагы башка аялдарды жайына койду. Кызылча аянтына өзү келди. «Далайдан бери жаан жок топурак какшып турат,– деди Зууракан өзүнчө. – Нымды көп талап кылган топурак жаанда борпоң тартат. Жумшарат. Ушул учурда чабык жүргүзсө жаман болбос». Бул кызылчачы аялдын көп тажрыйбасынын бири. Ушинтип жамгырга аралаш чабык жүргүзүп, бирин-серин отоо чөптөрдү кыйратып, ашык тамырларды суюлтуп, өсүмдүк түбүн бошотуп ишке кызуу берилген Зуураканга тигил катчынын кеби тамаша иретинде угулду.

  • Сөздү ук, чын айтам, Зууракан! – деди катчы.– Ишке сен жооп бересиң. Ден соолугуңа мен жооп берем. Тамаша дебе. Токто!

Ал кетмендин сабын кармады.

  • Жарайт! – деди Зууракан күлө – убада ушул: колумдан кетменди жулуп алсаң, ишти токтотоюн. Жулалбасаң мишайт этпе!
  • Тамашаны кой.
  • Эмне, алың жетпейби?
  • Жетсин-жетпесин кармашканыбыз уят да.
  • Түшүм начар болсо, план бүтпөй калса, анда баарыбыз уялабыз. Азыр, балам, сен жалгыз уял…

Алп аял жеңдин сыртынан катчынын билегин кыса кармады.

  • Өзүң айт, кайсы жамбашың тартып турат?
  • Эмне жыгасыңбы?
  • Өзүм билем.
  • Кой, кызылчалар кыйрайт.

Зууракан тигини камтый кучактап, балача көтөрдү. Кетменди таштап жиберген катчы, алп күчкө багынып Зуураканга жалына баштады:

  • Кулдук, эжеке-бай? Баткак болобуз.
  • Баткак болсоң сен болосуң, мен эмнеге, – деди кызылчачы аял күлө. – Корксоң мойнумду кучакта!

Дапдардай адамды балача көтөрүп, Зууракан балт-салт аттай басып, жээктеги чоң түп сүт тикендин үстүнө тигини ооната таштады да, кубана күлүп кайра басты:

  • Болду, сөзүбүз бүттү. Экинчи ишке мишайт кылба!
  • Ой, күчүңөн кагылайын, эжеке? – деди туралбай жатып кат чы. – Иштеген ишиңде чатагым жок. Иште! Биздин мактанчыбызсың, абайла. Ден соолук баарыдан кымбат, сактан?
  • Жарайт, балам. Айтканың туура, ден соолук да сакталат. Бирок темирди кызуусунда сокпосо учуру өтөт деп, өзүңөр айтасыңар го. Январда мейкинди кар басат… А азыр талаа көркү эмгек. Бискультур булчуңду чыңайт деп элге акыл үйрөткөндө талтөөндөйсүң. А өзүңдүн булчуңуң өпкөдөй… Катындан жыгыласың. Менин асыраган кызылчам да өзүңдөй көпшөк болсо дейсиң го. Жок, топурак кетменди түйөт: ал убактысында чабылып, мезгилинде керегинче сууга канып, керегинде семирткич алып турбаса, жердин күчү кетет. Кызылча мажирөө өсөт. План толбой, күзүндө сен да, мен да элге уят бо лобуз…
  • Аның туура, уят өлүмдөн күчтүү, бирок…
  • Күчтүү болсо ошол, балам. Жылуу жамгыр майдай жагат. Ден соолугуңду нак ошол уят бузат… Ой, бала! – деди кебинин акырында Зууракан, – эсиңдеби, өткөн жылы райондун планы кечигип толду эле. Сен обкомдун бүйрөсүндө катуу уялгансың. Ошондон кийин ич оорулуу болуп калдың. Байка, балам!

Кеп таап айталбай катчы анчейин жылмайды. «Ай, ай биздин Зууракандын тамашасы да, мүнөзү да анын алп эмгегиндей кайраттуу. Эми буга эмне десе болот. Деги ден соолугун сактаса болгону?» – деди ичинен. Шиберде жаткан калпагын алып, ал «Виллисти» карай басты.

… Биз жогоруда жаан күндөгү бир окуяны сүйлөдүк. Ал эми башка учурларда Зууракан иштеген кызылча аянтында эмгек дайым кызуу, талаа көңүлдүү: звенонун аялдары жарыша иштешип, бири тамашалуу кеп козгойт, бири обон созот. Кез-кез тоо жактан леп-леп жел калкып, чеке терди желпип өтөт. Мейли, шоропто, мейли сугатта, мейли жерге семирткич берүүдө, айтор, иштин бардык түрүндө Зууракан жана анын звеносу дайым алдыда. Жыл өткөн сайын Зууракан эмгекте такшалды, тажрыйбасы артты. 1948-жылы кызылчадан мол түшүм алгандыгы үчүн ага Социалисттик Эмгектин Баат ыры деген наам берилди. СССР Академиясынын Кыргызстандагы филиалы 1949-жылы райондо өзүнүн көчмө сессиясын өткөрдү. Анда илимдин докторлору, кандидаттары илимий баяндамалар жасады. Алардын катарында Зууракан да өз тажрыйбасын баяндады.

Эмгекти сүйгөн алп аял өз колу менен таалай жаратууда. Анын эмгегин мактап акын ыр түздү, обончу обон чыгарды. Өткөн жай Кыргызстанга келип кеткен румын акыны да Зууракан тууралуу поэма жазды. Артка кылчайып, өткөндү ойлосоң Зууракандын зарыкканы элестейт, жүрөгүң сыздайт. Азыркысын көрүп, эркин канат күүлөп бийикке көтөрүлгөн таалайына жүзүң нурданат.

Бүгүн аны кыргыз ырдайт, өзбек ырдайт, румын ырдайт. Бүгүн анын алп көкүрөгүндө бардык белги – Алтын жылдыз, үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордени жана бир топ медалдар жаркылдайт.

Партиянын райкомунун жана Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин мүчөлүгүндө. Ошентип, кечээки батрак аял бүгүн жеке эмгек баатыры эмес мамлекеттик ишмер! СССР Жогорку Советинин депутаттарын шайлоодо Улуттар Совети боюнча 257 Сталиндик шайлоо округу добушка коюу үчүн элдин сүйгөн кызы Зууракан Кайназарованы каттады.

Бир нече күн мурда Зуураканды жолуктурдум. Ал кадимкисиндей тамашалуу, алп.

Эмгекте бышкан салмактуу колу менен мени ийинге какты:

  • Ой, бала күрөшөсүңбү дагы?
  • Жок, – деп айталбадым. Күрөшөм дедим.

Зууракан күлдү да:

  • Чыдабайсың, жыгыласың! – деди.

Ырас, Зууракан айткан тамашанын да чындыгы бар. Тынчтыкты жактоочулардын Москвада чакырылган жалпы союздук конференциясына биз бирге барган элек. Жолдо да, Москва көчөсүндө жүргөндө да Зууракан ушул тамашасын койчу эмес.

Биз Колонный залда акын Н.Тихоновдун баяндамасын угуп олтурабыз.

  • Ой, бала, – деди акырын катарымда олтурган Зууракан: – Колуңду берчи?

Колумду сундум. Ал беш манжаларымды жабыштыра кысты. Мен уятымдан араң чыдадым. Бир аз мезгил өткөн соң:

  • Менин колум эмне жазды, эже, – дедим.
  • Эчтеке эмес, бала! – деди Зууракан мостоюп: – Кетменимди сагындым. Бул жерде кетменим жок, анын ордуна колуңду кармадым. Мейли, дүнүйө тынчтык узак болсунчу. Ушул эле колдор менен таалай жаратабыз!

Кийинки жолукканда да Зууракан ушуну эске салды: – Тынчтык болсун, алп колдор таалай жарата берсин!

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ

* * *

Зууракан Кайназарова 1902-жылы Сокулук районундагы Жыламыш кыштагында туулган. Ал Кыргыз ССРинин колхоз өндүрүшүнүн көрүнүктүү ишмери, атактуу кызылчачы, Сокулук районундагы «Дружба» колхозунун звено башчысы. Эки жолку Социалисттик Эмгектин Баа тыры (1948, 1957). 1939-жылдан КПССтин мүчөсү. 1929-ж. Калинин атындагы колхозго мүчө болуп кирген. Колхоздо иштей баштагандан эле эмгекчилдиги менен айырмаланган. Көп өтпөй звено башчылыгына дайындалып, ал башкарган звено беш жүзчүлөрдүн бүткүлсоюздук социалисттик мелдешке катышып, алгачкы жылы кант кызылчадан жогорку түшүм алууга жетишкен. 1947-жылы 15 га жердин ар гектарынан 971, 5 ц. кызылча жыйнап алган. 1949-жылы колхозчулар аны Калинин атындагы колхоздун председателдигине көтөргөн. Кайназарованын билгич жетекчилигинин натыйжасында колхоздун экономикасы кыйла чыңдалган. 1952-жылы кайра звено башчылыгына өткөн. Советтик илим менен техниканын жетишкендиктерин колдонуп, ар гектардан (0,25 га) рекорд түшүм – 1000–1100 ц. кант кызылча жыйнаган. СССР Жогорку Советинин (1–3 шайланышы), бир нече жолу республиканын Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин председателинин орун басары. Кыргызстан Компартиясынын 3–12-съезддеринин делегаты. Кыргызстан КП БКнын, Кыргызстан КПнын областтык, райондук комитетинин мүчөсү болгон. Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган. 1958-жылдан персоналдык пенсионер. 1974жылы Кыргыз ССР айыл чарба министерствосу алдыңкы кызылчачыларга Зууракан Кайназарова атындагы сыйлык белгилеген. Фрунзе шаарында бюсту орнотулган.

(КСЭден)

ЧЕЧЕНДЕР ЖАНА КУУДУЛДАР

ЧЕЧЕНДИК ӨНӨР

Чечендик өнөр адамзаттын сөз өнөрүнүн, тил маданиятынын төрүнөн орун алган. Кепти керек жерде кереметине чыгара сүйлөгөн чечендер дүйнө жүзүндөгү ар элде кездешет. Абалтадан айтылып келаткан «өнөр алды – кызыл тил» деген ириде дал ушул чечендикке тиешелүү. Чечен сөздөр багытталган жакка карата октой таамай, учкул тизмектеле ыргактуу, ары көркөм, өз сөзүнө жооп бере алгыдай далилдүү, так кесе айтылат. Ак-караны ажырата терең, жүйөлүү айтылган сөздөн, же жооптон ошол адамдын бар дарамети таасын көрүнүп турат.

Чечендик өнөр коомдук маанидеги таасирдүү, чоң искусство катарында Египетте, Ассирио-Вавилониде, Индияда жана Кытайда байыртадан бери эле эсептелип келген. Чечендик өнөр ири алды Грецияда, Афинада өрүш алган. Акылга канык, сөзгө чебер бул өңдүү өзгөчөлүү адамдар бардык эле элдерде мамлекеттик ири иштерге катышып, чоң урмат-сыйга арзышкан. Чечендик ал түгүл эң кереметтүү, бийик «хандык искусство» катары эсептелген. Биздин эрага чейинки V кылымда эле гректерде чечендик искусство деген эмне экендиги, анын кандай ыкмалары, түрлөрү болору, жалпы эле маани-маңызы аныкталган. Ал үч өзгөчө лүктөн, б.а., багытталган оюн козгоодон, анын маанисин чечмел өөдөн жана ой корутундусун элге далилдүү жеткире билүүдөн туруусу тийиш делген.

Орто кылым риторика искусствосунун экинчи доору болгон. VII–VIII кылымдарда исламдын жайылышы менен сөз өнөрү да өркүндөгөн. Риториктер мусулмандарда Чыгышта, Орто Азияда, Түндүк Кавказда, Азербайжанда, Дагстанда кулач жайган. Чыгыш элинин салтына ылайык чыныгы чечендер атайын түзүлгөн калыстардын алдында ар кыл темадагы күчтүү мелдештерди уюштурган. Жеңгендери сыйга арзып, атак алышкан.

VII–ХIV кылымдарда Армения менен Грузияда риторика искусст восу боюнча адистешкен мектептер иштеп, кийинчерээк академияга чейин өсүп жетип, эл алдында ар кыл сынактар уюштурулуп, чечендик сөз өнөрүнүн, тил маданиятынын, адам билиминин өсүп жеткен эң жогорку бийиктиги катары бааланган. Орустарда да ошондой болгон. Киев, Москва чиркөөлөрүндө «поэтика» айрыкча «риторика» өзүнчө китеп болуп чыгып, бир учурда дипломатиялык (аскердик) сөз милдетин аткарып, атайы окулган.

Ал эми риторика өзүнчө искусство катары узак тарых, бай таржымал күтүп, теориясы калыптанып, негизги методикасы иштелип чыккан грек, римдиктерге же жазуу маданияты эрте калыптанган башка элдерге салыштырганда кыргыздын чечендик өнөрү муундардан муунга салттуу өтүп сакталып, оозеки түрдө өнүккөндүгү анык. Орустардагыдай же кавказ элдериндегидей кыргызда чечендик өнөр атайы окутулбаган, өзүнчө чоң топторду түзгөн мектеби да болбогон. Бирок кыргыздар сөздү маселдештире, кеп түйүнүн чече кыйын сүйлөгөн элдердин катарына киргендиги белгилүү.

Демек, кыргыз элинин сөздү багытталган жакка карата таамай, учкул сүйлөй билген, суроого так, далилдүү жооп таба алган сөзмөр адамдары, кептин бүрүн тандап түрмөктүрмөк ыр нөшөрүнө айланткан ири төкмөлөрү, алп «манасчылары» көп, акылдуулугу, күчү тилине чыккан чоң чөйрөсү болгон. Мындай чөйрөдө жашаган зээндүү, чечен болчу бала кенедейинен эле кепке алынып, көзгө түшкөн. «Бир күнү акылман араба менен келе жатса жолунда кичинекей бала шаар жасап ойноп жатат. – Балам, арабага жол бербейсиңби? – десе, бала акылмандын баш-аягына карап туруп: – Чоң ата, мен шаар салып жатпайымбы. Шаар арабага жол бербейт, араба шаарды айланып өтүшү керек го,– деди. Акылман таң калды. Арабадан түшүп келип: – Балам, жашыңа караганда акылың көп экен,– деди. Анда бала: «Эмне үчүн андай дейсиз? Коёндун бөжөгү үч күндөн кийин жүгүрүп кетет. Жети жашка келгенче кантип бир нерсе билбейин, – деди. Акылман жылмайып: – Бир нече суроо берейин, жооп берсең бир нерсе билериңе ишенейин, – десе: – Жооп берүүгө даярмын, – дейт. Балага: – Кандай сууда балык болбойт? Кандай тоодо таш болбойт. Кандай жыгачта бутак болбойт? – десе, ал: – Булактын суусунда балык болбойт. Кум дөбөдө таш болбойт. Чирик жыгачта бутак болбойт,– деп шар жооп берет да: – Чоң ата, асманда канча жылдыз бар? – дейт. – Айланайын балам, бизден ыраак турган нерсени сураганың кандай? – Андай болсо, сиздин кашыңызда канча тал кыл бар? – деп сурайт. Кичинекей баланын акылына таң калып: – Балам, окууну көп оку. Акылың дагы арбыйт. Өмүрүң узун болсун! – деп, акылман баланын шаарын айланып өтүптүр. Муну менен эмнени айтууга болот. Мында бала али жаш туруп акылынын жетиктиги, тайманбай сүйлөгөн курчтугу, айлана-чөйрөнү терең аңдай билген зиректиги, ошол себептүү өз оюн кимге болсун жеткире айта алган бышыктыгы менен көптү көргөн акылманды аң-таң калтырып отурат. Бул келечекте акылман, көп түйүнүн илгиртпей чечмелей алчу чечен болчу баланын мүнөзү.

Ири алды, чечен болчу адамда каны менен келген тубаса таланттын болушу зарыл. Муну менен бирге ал акылдуу, көрөгөч, кыраакы, сезим-туюму, эрки, эске тутуусу күчтүү болушу керек. Ушундай күчтүү сапаттары бар кишилер гана элди-жерди көрүү, чоң чөйрөгө аралашуу менен кайсыл жерде өзүн кандай алып жүрүүнү, сөздүн жүйөсүн таап, кеп түйүнүн эркин чечмелеп, табышмак, ой ката, сын бере, так катыра таамай сүйлөөнүн сырларын ача билишет. Мындай адамдар жаштайынан тирикарак, сезимтал чыгышып, элге эрте аралашып, ошол элдин тарыхын, географиясын, үрп-адаттын, салтын, фольклорун терең чечмелей алышкан. Легендарлуу Жээренче чеченден тарта бизге жакшы тааныш кийинки мезгилдеги чечендердин өнөр таржымалы буга далил. Ошондой чечендердин жумурай журт таба албаган оор табышмактарды жандырып, каардуу кандын өлүмүнөн элин куткарып, «караңгыдан көз, капилеттен сөз тапкан» кездери арбын. Ушундай тилге чебер, ар дайым ири маселелерди туура чечип, жалпыга тең караган калыс, сынчы, акылман адамдар чечен аталган. Кезинде алар жүрбөгөн, аралашпаган жыйын, топтор, сыноо, аш-тойлор кездешпеген.

Албетте, чечендик өнөрдүн тарыхы кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы менен тамырлаш. Белгилүү маалыматтарга таянуу менен кыргыздын чечендик өнөрүн үч этапка бөлүп кароого болот.

  1. Манастын учурундагы Ажыбай, Байжигит ж.б. жашаган мезгил.
  2. Жээренче, Көсөө, Карачач жашап өткөн. Жаныбек кандык кылган (XIII–XIV) доор.
  3. XVIII–XIX кылымдардын башына чейинки Тилекмат, Садыр акелер, Көкөтөй ж.б. чечендер жашап өткөн мезгил.

Социалдык жагынан алып караганда чечендер көбүнчө ак менен караны, чындык менен калпты, бийик менен пастыкты ажырата тааныган карапайым, таза чөйрөдөн чыккан. Чечендик өнөр кандан, бектен кайра тартпай туу ра сөздү туусундай көргөн, тартип катаал, адамдардын тагдыры кор, бирок «баш кессе да, тил кесмек жок» сөзгө баа берүү эркиндиги күчтүү кездерде абдан өркүн дөгөн.

Чечендер чыккан чөйрөсүнө, өз дараметине, акылсезимине, мүнөзүнө, чеберчилигине жараша ар кыл өзгөчөлүктө.

  1. Акыл чечен. Булардын акылмандыгы артык, тили да күлүк. Тил – чечендиктин негизги, биринчи белгиси. Ар бир тилдин бай, кереметтүү экендиги чечендердин сүйлөө маданиятынан айрыкча таасын билинген, ошентсе да чечендикте акыл чоң, олуттуу мааниге ээ. Элдик дипломатия көптү билген, жатык тилдүү, логикасы күчтүү, акыл чечендер аркылуу жүргөн. Кылыч менен ала албаганды тил менен алгандар ушулар. Буга: Ажыбай, легендарлуу Акыл Карачач, Тилекмат, Сарт аке ж.б. чечендерди кошууга болот.
  2. Көрөгөч чечен. Буларда алдын ала көрө билүүчүлүк, тубаса психологдук, кылдат сынчылык сапаттар күчтүү. Айтылуу Жээренче, Алдар Көсөө жана Садыр аке, Калыгул олуя, Көкөтөй, Куйручук мына ушундай чечендерден.
  3. Кургак чечен. Көп сөздүү, далилсиз, кургак, маанисиз сүйлөгөндөр. Мындайларды эл «кургак чечен», «жөө чечен» экен деп келекелеп, чечен катары эсептешпеген.

Ири чечендерде көп кырлуу өнөр, арбын сапаттар ар качан жуурулуша жүргөн. Чечендик шартка, чөйрөгө, доорг о жараша болот. Маселен, Жээренченин мезгилиндеги менен Тилекмат, Көкөтөйдүн учурундагы жана бүгүнкү күндөгү тил чеберлеринин бири-биринен айырмасы өтө чоң. Антсе да бу күндө канча бир табышмактарды шыдыр тапкан чечен болушпаса да кепти келтире сүйлөп, илимдүү, билимдүү, көптөгөн тилдерди, информация маалыматтарды так билген окумалдыгы менен айырм аланган тил чеберлери бар. «Талант жугушат, өнөр оошот» делет элде. Калк аралап дайыма эл шайырлары менен бирге жүргөндүктөн чечендерде – ырчылык, куудулдук, сынчылык өңдүү сапаттар жуурулуша жүргөн. Ошол эле учурда куудул, ырчы, сынчы, кыраа адамдарда да чечендик сапаттар болгон. Ал эми чечендик өнөрдө табышмак, жаңылмач, тамсил, макал, лакап, айтыш, санатчылык, уламачылыкка окшогон фольклордук тарамдардын, тескерисинче, эпос, жомок, калптан тарта дээрлик фольклордук жанр, түрлөрдө чечен сөздөрдүн же тизмектердин кездешиши бул өнөрдүн оозеки чыгармачылыктан башат алып, жуурулушуп, сейрек чыкчу өзүнчө чоң искусство катары калыптангандыгын далилдейт.

Элдик чечендер ар дайым турмуштук, ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги көптөгөн түйүндүү маселелерди чечип, жер чегин ажыратып, эл менен элди катыштырып өз учурунда тарыхый чоң мааниге ээ болгон олуттуу, дипломатиялык милдеттерди аткарышкан.

Адамдын ойлоо сезим, акыл таразасынын жогорку чегине чечендер көтөрүлгөн деп айтууга болот. Себеби адам кыялына келип, көзү көрүп, кулагы угуп, аңдаган, жашоо-тири чиликте кездешкен бардык түйүндүү маселелердин туура жообу – акылман чечендер тарабынан табылган. Алардын турмуштагы, коомдогу алган орду, өтөгөн кызматы бөтөнчө зор. Ошол себептүү Цицерон: «Чечен болуп туулуу керек» деген. Чечендик өнөрдүн күчү абдан бай элдик өнөрдөн тамыр алгандыгында. Мына алар тарабынан айтылган берметтей накыл сөздөр, учкул ойлор, туура жооптор:

Акыл – башта, кубат – сөөктө, уят – көздө.

Дүйнөдө – турмуш кызык. Кыял, санаа – күлүк. Жан – ширин. Илим – күчтүү, уйку – таттуу.

Чечендерге: – Кордук деген эмне? – десең, алар: – Орто жашка барганда багы качса, орто жолго барганда аты өлсө, карып калган чагында кемпири өлсө, ошол кордук – деп токтолбостон шыдыр жооп беришкен. Чечендердин черди жазган бул өңдүү таамай суроо-жооптору, кептери чечен сөздөр деп аталат. Мындай орундуу айтылган учкул тизмектер бата берүүдө, алкыш, көңүл, каалоо айтууда ж.б. учурларда эл арасындагы көптү билген, сөз кунун түшүнгөн акылдуу, сезимтал, баамчыл кишилер тарабынан далай эле айтылып келген жана айтыла берет. Чечендиктин маңызы – учкулдугунда. Андай кептер карынын, жаштын да, наристенин да оозунан кээде күтүүсүз чыгып кеткен учурлары болот. Чечен сөздөр дайыма эле курч мүнөздө, табышмактуу ыкмада боло бербестен турмуштук көрүнүштөрдү таамай чагылдыргандыгы, терең ойлуулугу, суроого так жооп тапкандыгы менен кадимки кептерден айырмаланып, жайынча деле айтылат. Жумгалда кыйын сүйлөгөн Көкбала деген киши: «Үй-бүлө күткөн соң эки жакка тең карагыла. Эркекмин деп ыгы жок коржоңдой бергенде болбойт. Аялыңды да экилентпе. Эгер аялдан корксоңор ал үзөңгү теппей туруп төбөңөргө чыгып алат. Ошондой төбөгө чыккан аялдын жерге түшкөнүн өмүрүмдө көрө албадым. Көп жашаган көптү көрөт дешет, эки аял алсаң эки башка дүй нөнү көргөндөй болуп, мына, көп аял алсаң көптү көрөт экенсиң» – дептир.

Ошол жылдары жылкы барк алынбай таратылып, ордуна тоок берип калган учур. Бирөө сураптыр: – Ыя, Көкө, сиз неге тоок кармап, уй багып калгансыз? – деп. Анда ал: – Сен эмне, жылкынын кулакка тартылып, тооктун партияга өткөнүн билбейсиңби? – деп жооп бериптир.

Чечендердин жана чечен сөздөрдүн коомдон, көркөм, тил маданиятынан алган орду мына булар: Чечендер кепти кандай сүйлөөнү жөндөп, тилдик каражаттарды иреттүү, туура пайдаланууну үйрөтүп, келегей сөздөрдү оңдоп айтып, тектеш элдердин сөздөрүнөн алып кыргыз тилине кошуп, өзүлөрү да жаңы сөздөрдү жасап, кыргыз тилинин мол запасын топтоп, биринчи кезекте тилди байытты.

Чечендер элдик дипломатияда, чоң жыйын, топтордо, жай учурда, айтор, кайсыл жерде кандай сүйлөөнүн ар кыл түр, таасын ыкмаларын көрсөтүп кетишти. Чечен сөздөр чындыкты далилдөөдө, адамды ала билүүдө, сүйүүсүн туйгузууда, кайгысын тең бөлүшүүдө ж.б. маанилүү жагдайларда орчундуу милдетти аткара алчу ийкемдүү ыкма болуп калды. Ошондуктан чечен сөздөр акырындап адабият менен искусствонун бардык жанрларына кирип, ширелип кетти.

Жыйынтыктаганда, чечендик адамдын тубаса шык, талантына, акылы, көрөгөчтүгүнө, сезимтал, кыйындыгына байланышкан кайталангыс, сейрек жаралчу өнөр. Чечендердин баалуу мурастары атадан балага өтүп, дагы да ак кызматын өтөй бермекчи.

Жээренче чечен, Алдар Көсөө жана Акыл Карачач

Чечендик өнөрдүн башаты байыртадан уңгуланган улуу өнөр. Эл ичинен сөзүн далилдүү, ойдун түйүнүн таба, башта билип чечмелеп алгандай таамай сүйлөгөн не бир акылман адамдар чыккан. Жээренче чечен, Алдар Көсөө, Акыл Карачачты дал ошондой улуу ойчул, акылга канык, кепке чечен, элчиликке эпчил, даанышман адамдарыбыздын эң көрүнүк түүлөрүнөн десек жарашат.

Булардын жашап өткөн доору Жаныбек кандык кылган мезгил XIII–XIV кылымдарга туура келет. Алар туурасында эң баал уу фольклордук материалдар сакталып калган. Маалыматтарга караганда Жээренче жаштайынан эле акылы жетик, оозу шок, сөзгө эптүү, кишиге өтүмдүү, тиригарак бала болуп, элчилик сапары да эрте башталыптыр. «Бир сапар Кара кан Жаныбекке каары келип, тийи шип: – Тоодон айгырлары кишенеп, ойдон кырк чаар бээлерим кулун салды, ошонун кунун төлөсүн! – деп аны курулай күнөөлөп элчи жиберет. Жаныбек кан элин чогултуп күндө жыйын кылып эч акыл, айла таба албайт. Акыры элчиликке мунун жообун бере ала турган Жейрен аттуу бала тандалат. Бала кандан бир төө, бир теке жана жаа сурап алып, Кара канга жөнөп кетет. Жолдо келатса эки киши урушуп атат. Бала салам берип жайын сураса, бири жатактагы коёнду көрүп жаа алып келгенче экинчиси атып алыптыр, чатагы ошол. «Элчиликке баратсаң, калыстыгыңды айт» дешет баягылар. Анда бала: – Коёнду атып алганың коёнду башыңа кармап тур. Көрүп кеткениң жаа менен ат. Огуң коёнго тийсе, сен ал. Эгер башын жара атып алсаң, кун төлөйсүң,– деди эле тигилер чочуп: – Ээ, биз канга барабыз,– деп элчини ээрчип жөнөп калышты. Ары кетип баратышса калың эл чогулуп турат. Булардын чырын угуп: – Казанга толтура суу куюп тулгага аскыла да, жылкыларды айылдын четинен айдап өткүлө. Жылкынын дүбүртүнөн казандагы суу чайпалып төгүлсө, боюнан түшкөн баланын кунун беришсин, төгүлбөсө буга эмне кун болсун?» – дейт бала. Буга көнбөй тигилер да канга жөнөштү.

Кара кан элчини кабыл алып: – Ээ, бала, Жаныбек кандын бул кандайча шылдыңы. Мага элчи кылып аттуубаштуу чоң кишини жибербей, баланы жиберген эмнеси, айылыңарда чоң киши жок беле? – деди. Бала тура калып кулдук уруп: – Каным, сизге чоң керек болсо төө жетелеп келдим,– деди. Анда кан: – Жаныңды жеген бала, айылыңда сакалдуу карың жок беле? – деди. – Сакалдуу десеңиз теке жетелеп келдим, кеп-сөз билген адам керек десеңиз, өзүм келдим, – деди. Кара кан жөн бала эмес экенин биле коюп, ийги суроо салды: – Эй, бала, тайганымды неге аттың? Анда бала: – Мен быякка чыгардын алдында тайганыңыз тоодогу аңды ойго, ойдон тоого кууп жүрүп кырды. Ой-тоо кыйкырык, ызы-чууга толду. Ошондон биздин иттерибиз күчүк таштап койду. Тайганыңызды ошон үчүн аттым,– деди. Өзүнүн айтканы эсинен чыгып кеткен кан: – Ээ, кызыталак бала, менин жеримдеги ызычууну сенин тоодогу иттериң кайдан угат? – деп чочуп кетти. Элчи ордунан тура калып: – Таксыр, сөзүңүзгө кулдук, биздин тоодогу айгырларыбыздын кишенегени ойдо жаткан кырк чаарыңызга кантип угулат? – деди эле, Кара кан сөзгө жыгылып: – Ээ, чунак бала, келген дооң ошол беле, кечтим! – деп жообуна ыраазы болду. Андан кийин Кара кан берки чатактуу эки иштин жөнүн сурап, «баланын жолдогу чечкени туу ра» деп аларды жөнөтүп, балага «Жейрен чечен» деген ысым ыйгарган экен». Чындыгында эле «чечен» деген ардактуу наамга кызыл тил өнөрүнүн бийик үлгүсүн көрсөткөн бул өңдүү акылман адамдар гана жеткен. Ошол себептүү абалкы мезгилдерде «акыл» деген «чечен» деген аталыш менен тең катары кабыл алынган. «Акыл Карачач», «Акылдуу бала», «Акылдуу дыйкан» делип.

Акыл логикалуу чыккан таасын ой менен жалгашып, табышмактуу мүнөзгө өтүп, чечен сөздөр менен курч айтылганда айрыкча канаттуу сезиле, кереметине чыга түшкөн. Башка түшкөн тагдырына моюн сунуп музоо кайтарып, тезек терип жүргөн картаң Жээренчеге Жаныбек кан капысынан жолугуп: – Ии, чеченим, алың кандай? – деп сураганда, баштакы деминен жазбай туруп: – Эр картайды, мал тайды. Экөөлөдү, оо каным. Катын жөнсүз, уул тентек, төртөөлөдү, оо каным. Аркамдагы куу тезек, ар кимге келээр бир кезек… – деп өз жайын билдириптир.

Чечендик өнөр керек учурда амал-айла, калп менен да ийге келген. Алдар Көсөө Шайтанга жолугуп, жолдо келатышып кой башындай алтын таап алышат. Экөө талаша кетишип, акыры улуусу алмак болот. Кезекти Көсөө алып Шайтандан сураса, ал: – Жер бүтө электе, ай аяктай, тоо томуктай, күн күрөктөй экенинде төрөлгөнмүн, – деп жооп берди. Аны укканда Көсөө өңгүрөп ыйлап калат. Шайтан: – Эмнеге ыйладың? – десе: «Так сен төрөл гөн убакта менин алты жашар балам өлүп калган» – деди. Эмесе, сен улуу экенсиң, – деп алтынды ага берип, Шайтан качып кетиптир.

Чечендер сөздөн тышкары ымдоо-жаңдоолор менен да өз оюн толук жеткирген. Жээренче чечен, Жаныбек кан вазирлери болуп ордонун ичинде олтурганда Көсөө эшиктен кирип: – Ассалому алейкум кан ордосу,– десе Жээренче: – Алеким ассалам эл жоргосу,– дейт. Көсөө олтургандан кийин Жээренче ишарат кылып колу менен башын кагат. Көсөө колунун учу менен тилин кагат да эшикке чыгып кетет. Ал чыгып кеткенден кийин Жээренче канга: – Мени эч ким жыга алчу эмес эле, Көсөө жыгып кетти – деди да жандырып берди. Көсөө эшиктен салам айтып кирип отурганда колум менен башымды кагып: «Балээ башка кайдан келет?» – деп сурадым эле. Көсөө колу менен тилин кагып: «Балээ башка тилден келет»,– деп жеңип кетти деди. Сөз менен узагыраак таймашып, айтыша кетчү жагдайларда, айтчы ойду сөздөн мурда ымдоо-жаңдоо аркылуу таамай туюндуруп, сүйлөшө, кадимкидей айтыша алуу, жеңип, жеңиле билүү кыраакылыктын жеткен чеги, чечендиктин эң бийик үлгүсү. Муну синкреттик чечендик өнөрдүн бийик шатысына чыккан акылмандын акылманынын, чечендин чеченинин гана колунан келчү иш дешке болот.

Жаныбек кандын: – Тулпарды уйга сатса не болот? Атты эшекке сатса не болот? Туйгунду каргага сатса не болот? Башы ачык адамды наадан кулга сатса не болот? – деген соболуна Жээренченин келини Акыл Карачач: – Тулпар тушунда, күлүк күчүндө. Күч бербеген тулпардан – сүтүн берген сыйыр жакшы, пайдасы жок туугандан пайдасы тийген кыйыр жакшы. Чабал аттан – чарчабаган эшек жакшы. Жаш жыгач отундан – жаркырап күйгөн тезек жакшы. Канаты жок туйгундан – канаттуу карга жакшы. Карга конгон, кузгун тойгон каздын тарпынан үксүйүп үмүт кылган туйгун оңчубу, эртеңки салтта, эски наркта мындай шумдуктуу жорук болчубу? Каным, менин тапканым, сиздин укканыңыз ушул, – деп катыра жооп берген. Карачачтын математикалык эсеп, акылга салып философия – ой жүгүртүү менен гана жообу чыкчу оор табышмактарды тапкан кездери арбын.

Абалкы акылмандардын мындай окуялары чечендик өнөрүбүздүн кайталангыс берметтерине жатат. Тарыхта жашап, кийинчерээк легендарлуу мүнөзгө өтүп айтылып келаткан Асан Кайгы, Алдар Көсөө, Жээренче чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчынын баалуу мурастарында акылмандыктын уюткусу, чечендиктин чени, ырчылыктын жөнү, кыраакылыктын үлгүсү, сынчылыктын улуу сабактары жатат. «Уңгулуу сөз унутулбайт» деген чын. Кийин ысмы бизге белгилүү чечен, куудул, ырчы, сынчыларыбыздын чыгармачылык чыйыры да ушул жактан келет.

XVIII–XIX кылымдардагы чечендер

Чечендик өнөр адамдын туюму артык аң-сезимине, тубаса акыл даражасына, тил чеберчилигине, ыкчыл, чечкиндүүлүгүнө жараша өзгөчөлөнүп турат. Алардын бири-бирине берген суроо-жооптору өзүлөрү үчүн адаттагыдай эле салттуу көрүнүш болгон. Айтылуу Сарт акеге эл төрт собол коёт: – Бул жалганда эмне өлөт? Эмне өлбөйт? Эмнеге айла бар? Эмнеге айла жок? Айрымдары тоо, таш, суу өлбөсө керек дешет. Ошондо ал берегиче жооп берет: – Бул дүйнөдө баары өлөт. Тоонун өлгөнү, башын туман чалганы. Жердин, таштын өлгөнү, кар алдында калганы. Суунун өлгөнү, кышында тоңуп калганы. Бул дүйнөдө өлбөй турган экөө бар. Жакшынын айткан сөзү өлбөйт. Молдонун жазган каты өлбөйт. Баарынын айласын тапса болот. Өлүмгө, анан жаманга айла жок.

– Чечен деген ким? – деген суроого Сарт аке: – Кеп учугун жашоо-тиричилик, адам табияты менен айкалыштырып таасирдүү, ары өткүр, ары таамай, иритип айтпай, жибитип айтуу чечендик. Чечен адам акыл булагын, сөз булагын табияттан, элден, жакшыдан, жамандан да, кыскасы, бардык нерседен алат. Чечен айлакер сөз устаты. Чечендик менен туюктан жол табылат. Чечендик – бийик даражалуу өнөр, – деп жооп берген экен.

Сарт аке элдик салт-санааны мыкты билген, өзү да нарктуу, салттуу жүргөн, акылы тунук, сынчылыгы, мүнүшкөрлүгү күчтүү касиеттүү адам болгон.

Кокондуктар Ысык-Көлдүн элин өзүнө каратууга Тамганын чатына жасоо куруп, бугу элин алык-салык берип турууга буйрук кылат. Жергиликтүү элдин жиберген элчилери кайрылып келбейт, ошондо эл: «Элчиликке жараса ушул жарайт» – дешип Тилекмат чеченди жиберишет. Кудаяр кан биринчи күнү өргүтүп, Тилекматты экинчи күнү кабыл алып: – Сен ким болосуң? – дегенде, ал: – Мен Тилекмат, атам Жылкыайдар. Белек кандын небереси боломун. Биз кыргыз деген мал баккан, башкаларга суктанбай жай жаткан элбиз. Элибизден кут кетпеген, береке качпаган. Жерибиздин чегин жоо баспасын деп найзага үкү таккан элбиз. Эч душманга багынбаган, башыбыздан сөздү ашырбаган, досубузду сактай билген, даамын,тузун актай билген, аша чапкан кан болсо кан ордосун таптай билген элбиз. Атадан уулу туулса кул болууга, энеден кыз туулса күң болууга туулбайт. Уул-кызды туткунга бербейбиз. Атабыз Манас, чабышсаң чабышканга келгенбиз. Сен кабылан болсоң, мен арстан, алышканы келгенбиз. Биз Кокон канына карабайбыз, бирок малды, пулду бер десең аябайбыз. Атам кан Белек алган калмактан, жеримдин чеги, күн чыгыш жагы Кызылкыя, Санташ, күн батышы бетегелүү Койташ. Атам жердеген жерди, анда мекендеген элди эч кимге суратпайм, өзүм сурайм. Элчинин терең жообуна ыраазы болгон Кудаяр кан: – Балам, жаңы үйрөткөн жаш тулпар экенсиң, айткан сөзүңө көңүлүм чыдап серпише албадым. Жакасы болсо тон, жалы болсо ат деген – деп, кандык чен тон, күмүш күбөсү бар кымкап чепкен кийгизип, колуна кат жазып берип, мурунку элчилерди бошотуп, башта алган зекеттеринин ордун берип, жакшы узаткан экен.

Тилекмат жаш кезинде Текей уулу Абайылдага минерине ат, киерине чапан алпарып бата сурайт. Аба йылда: – Сен жаш болгон менен элге баш болгондой экенсиң. Аркаң кара нардай жоор, мүнөзүң кара жердей оор, өпкөң жок боор болсун. Кулагыңдан шыбыр кетпесин. Жашың алтымышка жетпесин дегенде Тилекмат: – Арканын жоор болгону – эл үчүн кызмат өтөп, элди өз боюңа тарт дегениңиз. Мүнөздүн жердей оор болгону – салмактуу бол дегениңиз. Өпкөсү жок боор болгону – ар ишке ачууланба, кекчил, мактанчаак болбо, боорукер бол дегениңиз. Кулактан шыбыр кетпегени – эл арасында доо, жаңжалдар көп болот, анын баарын ак-карасын ылгап, калыс чеч дегениңиз. Жашың алтымышка жетпесин дегениңизге түшүнө албадым дегенде Абайылда айтыптыр: – Балам, бул айтканым алты балээден оолак бол дегеним. Чоң үйгө кире албадым. Кичи үйгө сыя албадым. Кара сакалдуу акем болду. Кара чачтуу энем болду. Оору келди. Карылык жеңди. Мына, алты балээ ушул. Тилекмат муну мындайча чечмеледи: – Чоң үйгө кире албаганыңыз – катарым, тең курбуларым кетип атат, барчу үй түгөндү, чакырбаса башкаларга баралбайм дегениңиз. Кичүү үйгө сыя албаганыңыз – өзүмдөн кичүүл өрдөн ийменем дегениңиз. Кара сакалдуу акеңиз – өз балаң чоңойсо өзүңө ата, тилиңди албайт деген кеп. Кара чачтуу эне – келиниңиз. Калган экөө түшүнүктүү, – деди. Абайылда: «Жакшы чечтиң» – деп алкап, ак батасын берип, ыраазы болду. Тилекмат элибиздеги акылы жетик, тил күлүк, айтылуу чечендердин эң көрүнүктүү лөрүнүн бири болгону талашсыз.

Чечендерде эл сөздөрүнүн мол запасы топтолгон. Чекилдекте чоң топ болот. Садыр аке кечирээк келип, элдер биринен сала бири учурашып жатса, Баяке тура калып: – Жаактууга жай бербей, жайдак атка бой бербей, жырык кара уйдай аңыраңдаган бу кайдагы неме? – дегенде, Садыр аке: «Оо, Шабдан, Баякеңден башка сүйлөй турган кишиң жокпу?» «Дөбөт жокто канчык үрөт короого, эркек жокто катын кирет ороого» дечү эле. Бул эмне деген сөз, ээн-жайкын коё берген?! Баяке, сен билбесең аты-жөнүмдү айтып берейин. Түпкү атам Каба, берки атам Жолболду баатыр, атым Садыр. Кай жеримден өөн таптың. Мен «чоң багыштан» эр өлтүрүп качып келип, Жантайдын этегине коргологон туума кул эмесмин…– деп так катырыптыр.

Бир сапар Ат-Башынын чоң манабы Чоко: «Эр болушса менсиз топту баштап көрүшсүн» – деп темир керебетке жатып алганын көрүп: – Ит менен көлөкө талашып бир сарбагыш жатат деп карап отурабызбы, баштагыла! – деп Садыр аке күпүл дөдү, аны угуп калган Чоко шашып-бушуп кийинип, токтоосуз жетип келет. Кезегинде эчен-эчен чыр-чатактарды басып, ар дайым олуттуу маселелердин башын ачып, акылынан, тилинен да келген даанышман адамдардын бири – Садыр аке болгон.

Чечендердин сөзү жүйөлүүлүгү менен күчтүү. Бир жолу Айтыбар чеченди Кайназар молдо уяткаргысы келип: – Айтыбар, Айтыбар десе эле аягың жерге тийбей калды. Орозодо курмандык чалбай динден чыга турган болдуң, тигил дүйнөдө өлүгүң сыртта калаар бекен. Агаиниңдин баары бай, ошолордон неге сураган жоксуң? – дегенде Айтыбар: – Сүйлөбөсө сөз атасы өлөт. Айтса укпаган дүлөй лөр, ачпаса көрбөй турган сокурлар бар. Агадагы мал – асмандагы мал, инидеги мал – ийиндеги мал. Бададагы мал – талаадагы мал. Сураган адам – кайырчы. Уурдаган адам – каракчы. Уятсыз адамдан алып карыздар болгончо, уялбай кудайдын өзүнө карыздар болуу артык. Бармак басылбаган, убада берилбеген карызын доолап өлүктү сыртка таштагандай кудай сендей ач көз, алдамчы дейсиңби? – дейт. Эл дуу күлүп жибергенде, молдо шалдайып отуруп калат. Айтыбардын тилекке каршы азыраак гана сөздөрү бизге жетти.

Чечендерге өктөм мүнөз кадимкидей айбат, сүр болуп берген. Көкөтөй эл тарыхын, фольклорун, салтын, уруулардын санжырасын терең билгендиги, көрөгөчтүгү, эч адамдан тилин тартпаган өткүрлүгү менен «Көкөтөй чечен» аталган. Анын бул атагы кыргызга толук тараган. Ал олуттуу чыр-чатактарды калыс чечип, ажат ачып, ар дайым калктын чордонунда жүргөн. Ал Байгазынын жылкычысы болуп жүргөндө Тооке деген жармач кедейге кер бышты берсе ал өлтүрүп алат. Муну уккан Байгазы абдан туталанып, Көкөтөйдүн көзүн ойчудай туттукканда, чечен: – Ой, баатыр, бир тайдын өлгөнүнө керели-кечке көчүгүң менен тегеренип жатып шымыңды тытып салдың. Эки жылкыңды бөрүгө жедирип келсем сакал, мурутуңа кошуп, каш-кирпигиңди такыр жулуп салмак экенсиң деп сөзгө жыгат. Байгазы акыры анын оболуна көнүп, эмне айтса макул болушка аргасыз болот. Көкөтөй жөн сүйлөгөн эмес, сөз кезеги келгенде: «Бул чоң же айтылуу манап, кыйын чечен экен» – деп тайсалдап, сүйлөбөй калган кездери такыр болбоптур. Анын Байтик, Шабдан, Чоко, Баатыркан, Байгазы, Маймыл өңдүү элге кеңири таанымал манаптарды, айтылуу чечен Садыр акени сөзгө жыккандыгы буга далил. Башка элдик чечендердин бирин-экин гана кеп-сөздөрү жазылып калса, Көкөтөйдүн көптөгөн окуялары, макалдаштыра сүйлөгөн таамай сөздөрү, күйдүргү жооптору белгилүү ырчы, комузчу, чоң дастанчы, чечен Актан Тыныбеков тарабынан Демосфендин сөздөр үндөй өз калыбында бизге жетти. Чындыгында, Жээренче чечен, Карачачтан тарта Сарт, Тилекмат, Садыр, Мойт акелердин, Токтор, Өтөгөн, Көкөтөй, Куйручук ж.б. чүйгүн кептери кыргыз үчүн Демосфен, Цицерондун сөздөрүндөй эле кундуу.

Ырыскул болуш өлгөндө Көкөтөй өкүрбөй коюп, Черикпай аны «өкүрбөйсүң» деп эл көзүнчө каарыйт, ошондо Көкөтөй: – Ээ, балдар, ушундай кээ бир долу кишилер болот. Элдин баары басылып калса деле: «Эми айлам не болот өлүккө» – деп бакыра берген. Өлүккө өкүрүк колко болмок беле? Зээни кейиген ыйлачу. Куру кыйкырган менен көздөн жаш чыкпаса кошомат кылат элек деп көзүн чукуп ыргытып жибермек беле? Черикпайым, болушуңдун дареги чыккандай болсун, үн баспай өкүрө бер! – деп сөзүн бүтүрдү.

Көкөтөй ар дайым айтчы сөзүн ылайык «көч айласын билбеген көчтө көлүк өлтүрөт, сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет», «кандын касиети кетсе, калкынын ынсабы кетет», «жоболоңдуу жолго чыкса, эмгектүүнүн этеги булганат» деген өңдүү терең маанилүү, курч макаллакаптарды таба, нукура чечендик менен не бир элестүү салыштырууларды колдоно, калыстыктан тайбай туруп кайсыл жерде жүрсө да эл ажатын ачып, чыркыраган чындыкты айтып сүйлөгөн. Ал ушунусу менен башка чечендерден кадимкидей айырмаланган. Анын октой таамай сүйлөгөн кептерин өз оозунан угуп калууну көксөп ашыгып, дайыма Көкөтөйдү ээрчип эл жүргөн. Ал элге абдан кадырлуу чечен болгон.

Айтылуу Куйручуктун өнөр жолу көп жагынан Көкөтөйдүкүнө үндөшүп кетет. Куйручук да кандан, бектен кайра тартпай, керек кезде эл намысына жарап, чоң ажаттарды ачып, ар дайым калктын каалап турган сөзүн сүйлөгөн чечен болгон. Бала кезинде ачка болуп келатып бир үйгө кирсе өңчөй чоң манаптар эт жеп олтурушуптур. Улагага тура калса бирөөсү ага бир кесим эт сунат, ал сугунуп ийип туруп калат. Кайра сунганда дагы ошентет. Манаптын жини келип: – Мунуңар тойбогон эме го, чыгарып жиберсеңерчи? – дегенде Куйручук: – Ушунча жумурай журтту жалмап жаткан сен тойбогон, ушу бир үзүм этке мен тоймок белем! – деп кайра өзүнүн күйбөгөн жерин күл кылат.

Мыпардын ашында өзүнөн башканы киши деп эсептебеген, карапайым калкты каалашынча жазалаган, шылдыңчыл манап Касымалы: – Ой, сен кимсиң? – жеп опурулганда Куйручук да өзүнө жараша обдула:

Мен сонунмун, башыңа тийчү союлмун,

Мечиттин мунарындай, мазардын чынарындай, Жантайдын Шабданына «кызыл дубана» –  деп ат койгон,

Алтымышбайдын болуш уулун атка сүйрөтүп тап койгон,

Өрттөн качпаган, өлөм деп коркпогон, өз атым –Куйручук,

Атам Өмүрзак. Айтышсаң көңүл чак  деген менмин!

Көгөнгө киргенде белдик байлаган кара текедей

болгон өзүң кимсиң? – деп оозунан сөзүн алып, опурула сезин алып, көзүнө тике караганда Касымалы аттан секирип түшүп, өз сөзүн кайра алып, анын чечендик өнөрүнө баш ийип, ошол ашты Куйручукка башкартат.

1916-жылы Үркүндө Куйручук эл менен кошо Кытай жерине барган. Бир сапар өзүн чечен, билерман сезген жергиликтүү элдин манабы Түкбаш аны:

Кулагы жок – чунак Куйручук, Куйругу жок – чолок Куйручук.

Үйдө чыкса – өбөксүз Куйручук.

Ылдый түшсө – жөлөксүз Куйручук.

Арка кылар элиң кайда?

Азык берээр жериң кайда? – деп беттеп калат.

Ошондо Куйручук обдулуп, сыңар тизелеп отура калып:

Кулагым чунак болсо – шумкар чыгармын.

Куйругум чолок болсо – тулпар чыгармын.

Кулагы узунду эшек дейбиз.

Куйругу узунду ит дейбиз.

Өбөксүз өйдө чыксам, жүрөгүм таза.

Жөлөксүз ылдый түшсөм жүлүнүм таза.

Өбөк коюп өйдө чыкканды оору дейбиз.

Жөлөк кылып таяк алганды ууру дейбиз.

Арып-ачып алыстан келдим, арка болчу эл ушул.

Тентип-тербип тегимден келдим, тээк болчу  жер ушул.

Көпсүнгөнгө көр бар, көп ичинен бөлүнөт.

Өйдөсүнгөнгө өр бар, өбөктөйт да жүгүнөт.

Жалгыз десең күнгө тилиң тийгени, жарык берген дүйнөгө.

Жарды десең айга тилиң тийгени, шоола чачкан түнүндө, – деп кыйынсынган Түкбаштын эл алдында жаагын жап кылат. Мында акылмандык, чечендик, ырчылык, сынчылык да толугу менен орун алган. Муну айтылган сөзгө карата берилген жоопторунун төптүгү, табылган сөздө рүнүн коргошундай салмактуулугу, учкулдугу, ой корутундуларынын логикалык жактан тереңдиги менен өздүк касиетке ээ, чечендик айтыштын кайталангыс классикалык үлгүсү катары эсептегенибиз адилеттүү. Куйручуктун куудулдугунан да чечендиги артыкчылык кылат.

Куйручукта балбандык турпат, сүр да болгон. Минтип бирөөлөрдү сөзгө жыгып же айыптаганда ал өнөрүн мактаныч, менменсинүү катары эмес, а карапайым адамдардын мансаптууларга жем, теңден кем болбой жашашы, акыйкаттык үчүн көрсөткөн. Анын өнөрүнүн күчү дайыма чындык үчүн жан таштап күрөшкөндүгүндө жатат. Ырасында, оюна эмне келсе жасаган мыйзамсыз доордо ээн сүйлөгөн «эл жакшыларын» эсине келтирип, түз жолго салып, канчалаган букараларды бөөдө азаптан, шордон куткарып, так кесе сүйлөгөн тили, жүйөлүү айтылган сын-пикири, ой-мүдөөлөрү жалпы элдик мааниге ээ болуп, бул жагынан алганда Тилекмат, Көкөтөй, Куйручуктар кыргыз үчүн Демосфендей эле даражада турушат.

Чечендер өзүнө чейинки эл шайырларынын таржымалын терең билишкендиктен кээде башта эле чечмеленип калган суроо-жооптордун кайрадан кайталанып калган (жагдайга жараша) учурларын жолуктурууга болот. Чечендикте адамды сөз менен мокотуп экинчи ооз ачкыс тай шылкыйткан, чабал жагын айтып кемсинткен, бетине чыгып ыңгайсыз абалга алып келген, бирде сөз тапкычтыгы менен менменсинткен, айтор, адамды ар кыл жагдайга аргасыз кирептер кылган психолог иялык мерчемдер жыш.

Чечендик бир учурда адамдын психологиясын, эркин, күчтүү мүнөзүн, сапатын текшерет. Бул көбүнчө чечендик айтышта жүзөгө ашат. Төкмө ырчыларга окшоп чечендердин да бар кудурети айтышка түшкөндө билинген. Жеңгени даңазаланып айтылып калган. Бир жолу казак менен кыргыздын чечени айтышып калат. Казактын чечени султандын тукумунан чыккан, белине күмүш кемер курчанып, таза кийинген Чакырбай деген киши экен. Ал ортого чыкканда эле өкүмдүк кылып сөз баштайт. «Сөздү сөз келгенде айтпаса, атасы өлөт», турмуш-тутанган куурай, өмүр – өчкөн от, кыял – кармалбаган куш, айтылган сөз – атылган ок. Бул дүйнөдөн аккан суудай, айкаштагы чуудай, төгүлгөн кумдай бардыгы өтөр. Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат. Осмо кетет, каш калат, оомат кетет баш калат. Экөөбүз олтурган журтка кимдер келип, кимдер кетпеди. Жараткандын үчөө өлбөйт: калдайган кара жер, аскасы бийик зоо, агыны катуу суу өлбөйт. Калганы бүгүн бар да эртең жок, сүйлөй отур, кыргызым. Буга Токторбай: – Айтканыңда калет жок. Уккан улама, көргөн көсөм. Сөз маңызына түшүнүп, нугун билбесе – акыл чечен кайдан чыгат. Адам өсүп, өнүгүп турбаса – карылык кайдан чыгат. Он беш жашта – жарга ойногон улактайсың. Жыйырма беште – оргуштаган булактайсың. Отузда – октос берген кабыландай. Кыркыңда – кындан суурулган кылычтай. Элүүңдө – адырдан качкан аркардай. Алтымыш жаш аксатат. Жетимиш – желенин башы. Сексен – сенек болдуң, кимге керек болдуң. Токсон – өмүргө келген азап, өлбөгөн үчөө дейсиң. Кара жердин өлгөнү – кар астында калганы. Алтын булак өлгөнү – аяктай муздун басканы. Аскар тоонун өлгөнү – ала булут чалганы. Айткан сөзүң арсар болду, тапкан жолдошуң кайсар болду. Жаман адам мактанса жакшыны сабап салдым дээр. Жаман чечен мактанса баарын айтып салдым дээр. Коштошоюн десем колум бош эмес. Достошоюн десем жолум бош эмес. Чечен алжыса – намысынын кеткени. Баатыр жаңылса – ажалынын жеткени. Айтышып алдыга чыкпасак болот эле. Айтылган сөз – аткан ок, айтылган соң кайрылбас. Калган көңүл, качкан куш, кайгырган менен табылбас. Кош, боорум, адырдагы арстан экенсиң, абайлабай алдырдың. Кенебес кара нар экенсиң, кабыланга чалдырдың, – деп туруп кетет. Кыскасы, улуу ойчулдардын, бул өңдүү даңазалуу чечендердин урктуу кеп-сөздөрү атадан балага калып айтылып, улам жаңы кырлары ачыла, түйүлгөн түйүндөрү чечилип, улам жаңы түр-түспөл күтүп, чечмелене бер мекчи.

КУУДУЛДУК ӨНӨР

«Шайыры болбой эл болбойт» дегендей, куудулдар бардык элдерде бар. Чечендерге окшоп куудулдар да кызыл тилди кыйыштырып, кыйын сүйлөөнүн билермандары. Ар нерсени алдын-ала туя билген сергек туюмдуул ук, көрөгөчтүк, курч сүйлөп акыл-айла, жол тапкычтык экөөнө бирдей тиешелүү. Бирок куудулдар кээде айрым бир суроолорго жалаң какшык менен же ирония түрүндө, болбосо абалды кыймыл-аракети менен билдирип элди күлкүгө бөлөп шылдыңчыл, бирде тамашалуу жооп беришсе, чечендер суроого туура, так кесе жооп кайтарышып, олуттуулугу менен айырмаланышат.

Куудулдар эл ичинде учураган жосунсуз жоруктарды, терс мүнөздүү кишилерди келиштире туурап калкка алып чыгып шылдыңдап, тамаша, оюн көрсөтүп, бир учурда элдик театрдын милдетин аткарышкан. Атка руучулук, артисттик, пародисттик, жестикуляциялык ыкма – куудулдарга тиешелүү. Өмүрү, чыгармачылыгы дайыма эл арасында, эл шайырларына жанаша өткөн дүктөн куудулдарда көрөгөчтүк, чечендик, сынчылык, ырчылык сапаттардын болгондугун көрөбүз. Ошондуктан алар ар качан көксөөнү жазып, көңүлдү ачып, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Кай доордогу, кайсыл улуттун куудулдарын албайлы, алардын жоруктарында кырдаалдан кыйналбай чыгып кеткен – амал, акыл тапкычтык, катаал суракта кармалып калбаган сөз тапкычтык өңдүү эки артыкчылык орун алат. «Акылдуу киши куу болот» – деп төгүн жерден айтылбаган. Түрк калктарында кездешкен: Алдар Көсөө, Апенди, Кожо Насыр ж.б. чечендиги, куудулдугу да бар, акылдуу, абдан айлакер адам экендиги жалганбы.

Кандын көпкөн вазири Көсөөнү жеңмекчи болуп:

  • Жердин ортосу кайсы? Акыр заман качан болот? – деп дөөгүрсүйт.

«Атаганат ай, боюм жапысыраак болуп жатат» дегенинен атын бере салат. Көсөө атка минип, ары-бери чапкылап эки жагын караган болуп: «Таптым-таптым» – деп вазирге кайта чаап келип:

  • Атаа, балам ай, көпкөн убагың экен. Олтурган жериң жер ортосу, ал эми акыр заман атынан айрылган кишиде,– деп чапкан бойдон кете берген экен.

Бир күнү жигиттер Апендини: «Эртең кыямат кайым болот экен» дешип жалгыз козусун сойдуруп коюшат. – Этин бышырып тур,– деп Апендини калтырып, өзүлөрү көлгө түшкөнү кетишет. Апенди жигиттердин кийимдерин бүт отко жагып, этти бышырып коёт. Жигиттер:

  • Апенди, кийимдерибиз кана? – деп сурашса, ал:
  • Ой, кийимди эмне кыласыңар? Эртең кыямат кай ым болгуча бул этти жеп албайсыңарбы,– деп кайра өзүлөрүн сызга олтургузуптур.

Кожо Насыр кошунасынын казанын сурап, тамагын бышырып алып: «Казаның ургаачы экен төрөп койду» – деп, өзүнүн кичине казанын үстүнө кошуп берет. Коңшусу кубанып, алып алат. Эртеси казанын дагы сурап кетет да эмнегедир убагында алып келбейт. Кошунасы күтө берип, тажаганда өзү сурап келсе, Кожо:

  • Кайгылуу кабарды угуза албай турдум эле, казаның төрөй албай өлүп калды, – дейт, тиги ишене бербей:
  • Казан да өлчү беле? – десе, Кожо Насыр:
  • Сен өзүң кызык киши экенсиң. Казаныңдын төрөгөнүнө ишенген, өлүп калганына кандай ишенбейсиң? – деп жеңип кетиптир.

Качан болбосун акыл, амал таба койгон – акылмандыктын, ойго келбеген өнөр чыгарып элди күлдүргөн – куудулдуктун тамыры минтип тереңде жатат.

Демек, куудул болуш үчүн тубаса талант, тунук акыл, күчтүү эс-тутум, көрөгөчтүк сапат керек. Мына ушундай сапаттары бар айлакер, шайырдыгы күчтүү өнөр ээси куудул аталган. Андыктан, каалаган эле киши куудул боло албайт. Күлгөндү ар ким билет, бирок ар кыл табити бар элди күлдүрүү ар адамдын колунан келбейт. Ошон үчүн чыныгы куудулдар калк ичинен бирин-экин, аз чыккан.

Куудулдук – сатира, юмор, сарказм, иронияны, о.э. пародия, какшык, сын, тууроо ж.б. тутумуна камтыгандыгы менен абдан татаал өнөр. Куудулдук ыргак, көрүнүштөр ырда, обондо, күүдө, прозалык, драмалык чыгармаларда, кино, сүрөт искусствосунда, б.а., өнөр дүн, чыгармачылыктын дээрлик түрлөрүндө жолугат. Чыныгы күлкүдөн өткөн күчтүү курал жок. Ал түгүл, магияг а – сыйкырга ишенген байыркы заманда ооруп калган кишинин организминдеги дартты күлкү менен кууп чыгарууга болот деп ишенишкен экен. Бирөөлөрдү акылына кийирип таамай сын бере же кемчилигин чукуп кыжырын келтире, бирөөлөрдүн айыбын ачып эл алдында шылкыйта, бирөөлөрдү күлгүзө, бирөөлөрдү сүйгүзө, б.а., кайсыл учурда, кимге кандай сүйлөөнүн башкаларга өрнөк болуп калчу мыкты эрежелерин куудулдар жакшы билишкен. Булардан эл көптү билип, көптү үйрөнгөн.

Күлкүлүү окуялар турмушта арбын, андай жагдайлар элдик эпос, жомок, аңыз-аңгемелерде өз орду менен берилген. Акылман Асан Кайгы Эдил боюнда жүрүп бир перинин кызына үйлөнөт. Кыз дудук эмес, бирок такыр сүйлөбөгөн эстүү ургаачы болуп чыгат. Асан бир сапар аялын базарга алып чыкса ал базарды аралап жүргөндө үч жолу күлөт. «Эмнеге күлдүң?» – десе, айткан экен: «Бирөө тойго деп миң сом чыгарып эт, май, күрүч, өрүк, мейиз өңдүү түрлүү дүйүм азык-түлүктөрдү алып, тузга келгенде акчасы калбай, кымбатсынып албай кетти. Тузсуз тамак даамына келет беле. Мында бир күлдүм. Бирөө өрүктү тиши менен чагып, данын жеп отурат. Тиштин куну миң сом, өрүктүн баасы бир сом. Миң сомдук асылды бир сомдук даамга кор кылган акмакчылыгына күлдүм. Бирөө өтүк алып, соодалашып жатып: «Өтүгүң жети жылга чыдайбы?» – деп сурап атат. Өмүрү канча күнгө жетери менен түк иши жок аңкоолугуна бир күлдүм» – деп.

Куудулдар да акыл таразасына, өнөр өлчөмүнө, күчүнө жараша ар кыл. Аларды ушуга карата берегиче классификациялоого болот.

  1. Акылман куудул. Булар акылдуулугу, көрөгөчтүгү, сынчылыгы менен өзгөчөлөнгөн куудулдар. Буга, Алдар Көсөөнү, кийинкилерден Куйручукту кошсок туура.
  2. Куудул. Чыныгы, тубаса куудулдар. Өкүлдөрү: Жоошб ай, Карачунак, Айдаралы, Бекназар, Шаршен, Асанкул ж.б. Аты чыкпаган бул өңдүү анык куудулдар эл ичинде көп.
  3. Куудул аткаруучулар. Булар тубаса куудулдарга анча жатышпайт, өз алынча өнөрү, табылгалары бар. Айрыкча, буларда аткаруучулук, тууроочулук күчтүү, элге ошондой жөндөмдүүлүктөрү менен таанылышат.

Куудулдук өнөрдүн башаты тээ тереңдерде жатат. Ошентсе да бизге XIX кылымдын соңу ХХ кылымда жашап өткөн куудулдардын өмүрү, чыгармачылыгы гана толугураак белгилүү. Алар: Жоошбай Борсол уулу (1840–1919), Айдаралы Байшүкүр уулу (1851–1934), Карачунак Шылдыр уулу (1862–1933), Кудайберген (Куйручук) Өмүрзак уулу (1866–1940), Сарычунак (1876–1945), Бекназар Арзымат уулу (1884–1953), Шаршен Термечик уулу (1895–1942) жана Эшкожо, Бошкой, Ордобай, Кочкорбай дагы башкалар.

Куудулдардын өнөр таржымалын ачып берүү үчүн алардын күлкүлүү жоруктарына, кеп-сөздөрүнө кайрылуу зарыл. Куудулдар ар дайым айла-амалдарды колдонуу менен өз максаттарына жеткен. Ал эми ашык баш же калп сүйлөгөн кишилердин катыгын берген. Бир молдо шарият айтып жатса Жоошбай: – Молдоке, жер эмне үчүн титирейт? – дептир. Анда молдо: – Жер түбүндө чоң өгүз бар. Ал жерди бир мүйүзү менен гана көтөрүп турат. Элде күнөө көп болсо, мүйүзү талып кетип, экинчисине коё коёт. Жер ошондо титирейт, – дейт. Жоош бай: – Молдоке, кокус ошол өгүзгө сайгак тийсе, бул дүйнө эмне болот? – деп сураса, күтүлбөгөн суроого шаштысы кеткен молдо сөз таба албай ка лыптыр.

Дегеле, куудулдардан сөз качып кутулбайт. Бир күнү Байсеркенин жакшы айгыры тоодон кулайт. Байсерке: «Кудай колдо, Кудай колдо» – деп ары-бери чебелектейт. «Оо, карыган Кудай колдо, карыган Кудай колдо» – деп Жоошбай да далбастаган болот. Анда агасы: – Кой, кудайга күнөөкөр болосуң,– десе Жоошбай: – Менин атам да, атамдын атасы, анын атасы, мен да «Кудай» деп жүрөм, эмне Кудай карыбас болуптурбу? – деп жооп берген экен.

Жоошбай акылы, айла-амалы жетиштүү, тилинен да келген, өзүнө жакпаган адамды жасаган кылыгынан, мүнөзүнөн же сөзүнөн кармап жазалаган, эби келген жерде кимдин да болсо эсин эки кылган шоктугу, өжөр шылдыңчылдыгы менен элди күлкүгө бөлөгөн, өз мезгилиндеги чоң куудулдардан.

Куудулдук ар кандай кыймыл-аракет, ымдоо-жаңдоолор менен да ажарына чыккан. Карачунак дал ошондой куудулдардын ири өкүлү. Султан болуштукуна Бухарадан келген төрт-беш эшен мейман болушат. Кыштын узун түнүндө сүр этке тоюшуп, бир самоор чай ичишип, жайланып жатышат. Бир кезде бирөөсү шаштысы кетип эшикке чыгат. Оозгу үйдө жаткан Карачунак муну сезип калып, тамдын каалгасынын жаны на тура калып, эшен эшикти ачканда итче ырылдап коёт. – Ваа куспуруш! – деп кайра эшикке басып кетет. Көйнөк-дамбалчан, үстүнө жука чепкен, бутуна кепич кийген баягы эшен кыштын суугуна туруштук бере албай калчылдап чыгат. Эшикти экинчи жолу ачканда, дагы: – Р-р-р! – деп койсо: – Ваа паччагардын ити, кайдан кирип кеткен? – деп кайра бурулуп кетет. Кычыраган аязда тиши-тишине тийбей калчылдайт. Үйгө кирүүнүн айласын таппай, итти аябай тилдейт. Көптөн кийин чыгынып туруп үчүнчү жолу ачканда ит билинбейт. «Я бисмилла!» – деп ичкери көздөй катуу секирип, кызуу уктап жаткан жолдошторунун үстүнө барып түшөт. Денеси муздак немеден коркуп, беркилер бакырып тура калышат.

– О, нема болду? – деп сурашса, болгон окуяны бүт айтып берет. Калгандары сыртка чыгуудан коркуп, таң атканча беймаза болуп зорго чыдашат.

Айлакерлик, жол тапкычтык Карачунакта дагы күчтүү болгон. Ал Токмокко келип, курбулары Мамбетакун, Василий үчөө ашканага кирип калышат. Баягылар үч табак манту, үч аяк орус кесме, үч кесе кымыз алышат. Кесме ичкен мезгилде Василий: – Ох, орустардын кесмеси кандай даамдуу… Биздин элдей эч бир улут тамак жасай албайт го! – дейт. Мантыны жеп баштаганда Мамбетакун: – Оо, караң, кандака ширин, өзбектердей эч ким минтип жасай алмайды! – деп мойнун көтөрүп, корозчо койкоктоп коёт. Кымыз ичилип бүткөндө Карачунак: – Оох, кымыздын даамын карачы. Ичкенде бүткөн боюңду жибитип, капчыгыңды чыгарат. Бул бойго тараган кан эмеспи – дейт. Кептен кеп чыгып, акыры ар кими өз улуттук тамагын санай башташат. Василий орустун тамагын санап, жыйырмага жеткирет. Мамбетакун өзбектикин он бештен ашырып таштайт. Карачунак: – Эмесе агайындар, кулак салгыла. Мен кыргыздын жармасынын гана түрлөрүн айтып берейин, – деп айта баштайт. Тигил экөө колдорунун манжаларын ачып, жуумп санап турушат: – Майга кылган жарма, майга кылбаган жарма, арпа жарма, жүгөрү жарма, буудай жарма, коноктун жармасы, айран кошкон жарма, айран кошпогон жарма, курут кошкон жарма, курут кошпогон жарма – деп жалаң жарманын түрүн жыйырмадан ашырат. – Эми эт, айран, кымыз дагы башкаларды айтпай эле коёюн, аларды кошсом отуздан ашып кетет, – деп тигил экөөнүн оозун ачырыптыр.

Карачунак кишилердин, ит-куштардын элесин, мүнөзүн, үнүн куду өзүндөй окшото алган тууроочулугу, эпчил, айлакерлиги жана өнөрдү сөздөн мурда күлкүлүү жест, кыймыл менен көрсөтүү аркылуу куудулданган ири куудул катары эл шайырларынын тарыхында калды.

Куудулдук өнөрдө Жоошбай, Карачунак өңдүү куудулдардан Айдаралынын жөнү башка. Ал буларга окшоп бирөөлөрдүн орунсуз кылык-жоруктарын ашкерелебеген, жаакташпаган, бирок эгер катылып калса катыгын берген. Анын куудулдук күчү бүлкүлдөтүп бүт денесин бийлетип, «карап турат», «күлүп турат» дедиртип аспабын таптак сүйлөтүп черткен комузчулугуна, юморлуу ырчылыгына, бирөөлөрдү куду өзүндөй кылып, күү чертип атып туураган пародисттигине, артисттигине чыккан. Ал бүт тула боюн кыймылга келтирип, оюндагы сырын оозу аркылуу сүйлөтүп, топусу башында туйлап, колдору комузду тырмап «Көйрөң күүсүн» келтире черткен. Айдаралы бул күүсүнө өзүндөгү тажрыйбасы мол көп кырлуу чеберчилигин жумшап өзгөчө кумарлануу менен жыргап аткаргандыктан, күү өзүнүн аткаруусунда теңдешсиз болгон. Анын комузду тула бойду кыдырта чертүү түркүмдөрү Токтогулга, Коргоол, Атай, Калыкка жугушкан. Ниязалынын «Карөзгөйү», Коргоолдун «Ак Бакайы», Токтогул менен Атайдын дээрлик күүлөрү виртуоздуу стилдеги күүлөр, бирок «Көйрөң күү» өзгөчө жагымдуу, жекече оригиналдуулугу, көргөн элди күлкүгө карк кылган шайырлыгы менен башка күүлөрдөн кадимкидей айырмаланып турат. К.Мифтаковдун жазганына караганда ал көптөгөн күүлөрдү черткен жана чыгарган, кыяк, чоор тартып, дастандарды айткан өнөрпоз болгон экен. Эл ырчысы Калык анын арбын кырлуу өнөрпоздугун, адамдык турпатын, кур дегенде өзүндөй кылып аткарган Калыктын аткаруусунда тасмага тартылып калганда элибиз үчүн кандай гана баалуу мурас болмок. Ал эми Калык экөөнүн айтышы кордоо, өчүгүшүү, басынтуудан алыс турган, өткүр тилдүү Калыктай, бүт тулкусун күлкү уялаган Айдаралыдай бирин экинчиси толуктап турган эки шайырдын күтүүсүз кездешүүсүндө, экөөнүн тең чыгармачылык жүзүн таамай көрсөткөн, андан да сахнадан роль аткаргандай жандуу сөздөрү,  күлкүлүү кыймыл-аракеттери, ымдоо-жаңдоолору, куудулдуктары менен элдин боорун эзген, чыныгы өмүрүн  сахнадан тапчу табигый комедиялуу айтыш.

Кыскасы, Айдаралы өзүндөгү көп кырлуу өнөрдү синкреттештирип «куудул комузчу» аталган кыргыз жергесиндеги жападан жалгыз комузчу.

Ар кыл амалга көндүрүп, кээде турмуштун өзү адамды өнөрлүү болууга жетелейт. Буга Бекназар куудулдун өмүр жолу, чыгармачылыгы далил. Ал ата-энесинен өтө жаш ажырап, азаптын түрүн көрөт. Кичинесинде байлардын үйүнө мышык болуп каймак ууруга кирет. Бир жолу: «Мыш эле, мыш»,– деп караңгыда кууган байбичеден качам деп чоң казан толо айранга түшүп калып, кайра аппак болуп чыга калганда байбиче эстен танып жыгылат.

Бир сапар ал күйөө жолдош болуп барат. Тамаша башталганда комузун алып чыгып: – Ыр толуп жатат. Азырынча узун-узун күүлөрдөн чертип берейин,– деп олтургандарды жымжырт кылып каратып коюп, күүсүн тажатма кайрыкка салып алып, кайра-кайра аш бышымдан ашыгыраак черткенде эси барлары эшикке качып чыгып, калгандары күйөө балага кошулуп капкачан эле уктап калышкан болот.

Адамдардын, жан-жаныбарлардын жүрүм-турумун, үнүн өзүндөй кылып тууроо куудулдануунун негизги ыкмасы. Бекназар он эки түрлүү (айбанаттарга канаттууларды кошкондо) тилди тууроочу дешет. Анын өнөрү көп кырлуу болгон. Ал комуз черткен, төкмөлүгү болгон. Ошондой болсо да Бекназардын таланты куудулдугуна, тууроочулугуна, аткаруучулугуна чыккан. Ал адамдардын жүрүм-турумун, жан-жаныбарлардын элесин, үнүн туураганда, өзүнүн окуяларын сүрөттөп айтып бергенде күлкүлүү кебетесине шайма-шай келип, күлбөгөн жан калбаган. Бекназардын куудулдугу зор болгон.

Эл шайырларынын ичинен кимдин болсун тайманбай бетине сүйлөгөн мүнөзүнүн өктөмдүгү, чечекейдей сүйлөгөн чечендиги, кумарды жазган куудулдугу, ышкылуу ырчылыгы, адамды бир көрүп ак-карасын таасын ажырата билген сынчылыгы, психологдугу менен башкалардан бөтөнчө айырмаланып турган өнөр ээси – бул Куйручук. Ал ушундай көп кырлуу өзгөчөлүгү менен даңазасы кыргыз, казакка дайын болуп, кайсыл жерде жүрсө да каалаган сөзүн сүйлөп, эркинче жүргөн. Анын көз карашынын, өнөрүнүн калыптанышына турмуштун тийгизген таасири зор болгон. Эки жашында апасынан айрылып, бешке чыкканча «куу далы», «итий» болуп ооруп, жети жашына чейин «бечел» болуп баспай, ар кимден көп кагуу жеп, жедеп катуу сөзгө бышып, көрбөгөндү көрүп, ошондон улам ал тирик арак, башкалардын оюна оңой менен келбеген жорукт арды ойлоп тапкан өтө айлакер, тибиртке тилдүү, шок бала болуп калыптанат.

Куудулдук да, чечендик да өнөрдүн калыптаныш эволюциясын Куйручуктун өмүр жолу, чыгармачылыгынан даа на көрө алабыз. Биринчи күндөрү айыл кыдырып тамак уулайт. Эч ким бербей калганда кара курсактын айынан түнү келип боз үйдүн сыртынан эле туурдукту түрүп жиберип табак-аяктардагы сүттү узун камыш менен соруп ичип кетчү өнөрдү ойлоп табат. Бул да болбой калганда айсыз түндө келип бакандын жардамы менен түндүктөн кирип ашканадагы бышылуу тамактарды баштыгына салып кетип жүрөт. Адамдардын жүрүм-турумун, ит-куштардын үнүн куду өзүнд өй тууроосу анын чыгармачылыгынын алгачкы этабына туура келет.

Ал эми Куйручуктун эч адамдан тайманбай бетине чыгып сүйлөгөн, сындаган мезгили анын өнөр жолунун экинчи этабына кирет. Куудулга «Куйручук» деген атты Байзак ыйгарган.

Ак-Талааны бийлеген, өзүнөн башканы киши санабаган, айрыкча жарды-жалчыларды эркинче ызалап «жинди» аталган Касымалынын үстүнө Куйручукту алып киришет. Салам айтса алик албайт: – Эмне ичесиң? – дейт Касымалы. – Сиз эмне ичсеңиз, ошону ичем,– дейт Куйручук. – Жуурат ичели. Ойноп ичишелиби, же чайнап ичишелиби,– десе Куйручук: – Кандай болсо да макул,– дейт. Касымалы боз үйдүн бир капшытынан көлдөлөң дөрдүн үстү менен сойлоп келет. Куйручук да экинчи капшытынан сойлоп келип бет маңдайлаша турат. Касымалы эңкейип, жуураттан итче жалайт. Тиги да ошентет. Манап: «Ар-р» – деп ыркырап коёт. Ушуну гана күтүп турган Куйручук: «Абаб» – деп дөбөтчө үрүмүш болуп, жууратты анын башынан бутуна чейин бүркүп чыгат. Өзү баштаган тамашадан өзүнүн шермендеси чыгып, акыры тигинин Куйручук экенин билип, айыбына тогуз кашка топоз тартууламакчы болот. Бирок Касы малы амал кылып, эгер билбей калса кайра өзүн кыйкымдамакчы болуп эртеси он топоз айдатып келет. Куйручук санаса он. Анда Кукең: – Менин аларым тогуз, бул кайдагы доңуз. Менин аларым тогуз кашка топоз, бул каяктагы башка топоз,– деп онунчу топозду токмоктой баштаганда Касымалы чыны эле Куйручукка даба жок экендигине көзү жетип: «Бул кылыгыбызды эч кимге угузба» – деп абыдан сыйлап узаткан экен.

Бир сапар Канат ооруп жатканда «даба болот экен» дегенди угуп, жети түп ышкын алпарып, жайын сураганда ыраазы болуп, Канат ат мингизип узатат. Кышында жолоочулап Чүйгө барып келатканда Канат Куйручукту тостуруп келип: – Сен эмне Чүйгө баратып кайрылбай кетесиң, – деп ыза болуп: «Атын чечип алгыла, жөө кетсин!» – дейт жигиттерин. Анда Куйручук: – Сөзүңүз эки болбосун! Бергенин эле кайра алакей болсо, ооруңузга дабалыкка алып келген жети ышкынымды азыр таап бериңиз? – дейт. Кышында каяктагы ышкын. Канат жүйөлүү сөзгө жыгылып, атын тартып алуудан баш тартат.

Куйручуктун ар жолку кылган ишинде, жүрүм-турумунда, окуяларында куудулдуктун ширелип тургандыгын байкоого болот.

Куйручук айтыш өнөрүнө да аздыр-көптүр өз салымын кошкон. Анын кара жаак Калмырза, Найманбайды, анжияндык ырчы Ысаканды жеңип кетиши, аш-тойлордо жарчылык кылышы, керек жерде төгүп жиберүү, чеберчилиги аны кадыресе ырчылыгынан кабар берет. Анын бир катар ырлары, айтыштары, бирөөлөрдү жорго сөз менен келтире сүрөттөгөн портреттери Жеңижок, Токтогулдун ырларындай болуп бүгүнгө чейин уламышталып айтылып келет. Мындай тагдырды бардык эле ырчыларга буюрбаптыр.

Куйручуктун бизге ысмы жакшы тааныш өнөрл өштөрүнө берген сын баасы да абдан кызык. Шаршенди: «Мурунтугун каңтара түргөн кара бука кебетеленип, Шаршенден кийин кыргызда чоң куудул чыкпайт» деген. Мидинди: «Көчүгү илбирс, көкүрөгү карышкыр, бирок таалайы тайкы, картаң өрдөк мурунданып, шылдыңчыл. Тирүүсүндө жакшылык көрбөйт, өлгөндөн кийин арбагы чоң болот» – деп айткан. Бул жерден Куйручуктун сынчы, психологдугунан тышкары, тагдырды алдын ала көрө билген көрөгөчтүгүн билүүгө болот. Эл ичинде айтылып жүргөн «Куйручук – акыркы олуя» деген аңыз кеп төгүн жерден чыкпаган. Ушундайынан, Куйручук кеп маданияты өзүнүн бийик апогейине жетип турган чакта даңазасы кыргыз, казакка чейин тарап, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, жалгыз «эл эркеси» аталган. Даанышман акын Тоголок Молдо: «Акын болбосо да (ырчылыкты атайы өнөр катары аркалабагандыгын айтып жатат – А.О.) кара жаак сөзмөрдүгүнөн кандай шартка кабылса да башын ылдый салып багынбаган сөзү курч, тили тибирткелүү сөз тапкычтыгынан кимди болсо да алдына чыгарбаган, оттой жалындаган өз мезгилинин курч адамы экени боюнча Куйручукка эч ким жеткен эмес десе, өнөрлөшү Шаршен куудулга мындайча баа берген: «Өзү ырчы, көрөгөч сынчы киши экен. Куйручук бет алган жагынан тартпаган, бир киш астынан туура баспаган, сөзгө бай чечен, беттешкендер Куйручуктун сөзүнөн куйкаланган экен эчен. Жөн билгичтигинде даба жок, болбос нерсеге күйпөлөктөгөн санаасы жок, адамдын сырын билген. Айтууга сөзү белен, кара жаак, көк жал киши экен Куйручук».

Куйручук башка куудулдардан айырмаланып эрте жашынан аралашып, дайыма белгилүү эл шайырлары менен бирге жүрүү бактысына туш келген. Жеринен зээндүү балага ушундай чоң чөйрө өзүнчө эле мектеп болуп, аны айтылуу даанышмандардын сабына кошкон. Куйручуктун чечендикте чечендерден, куудулдукта куу дулдардан, ырчылыкта ырчылардан, сынчылыкта сынчылардан калышпагандыгы мунун далили.

Куйручук куудулдук өнөргө – өктөм чечендикти, сынчылыкты, ырчылыкты ширетип, куудулдуктун күчүн көрсөтүп, ажарын ачып, көркүнө чыгарды. Кыргыздын Совет мезгилине чейинки куудулдук өнөрү Куйручуктун чыгармачылыгы менен жыйынтыкталат. Куйручук чечендик да, куудулдук да өнөрдүн кайталангыс классиги болуп кыргыз эл шайырларынын тарыхында кала бер мекчи.

Шаршенди кыргыздын шайырдык өнөрүн гүлдөткөн теңдешсиз куудулу деп айтууга болот. Шаршенге жалаң куудулдук жактан тең келген эл шайыры ага чейин да болгон эмес, мындан ары да чыгышы кыйын. Башкалардын куудулдугу кайда жүрбөсүн бир амал таба койгон айлакерлигинен жана күлкүлүү ар кыл окуяларынан билинип, жай олтурганда көбүнчө ошондой окуяларынан айтып берип элди күлдүрсө, Шаршен күлкүгө ылайык жаралган кебете-кешпири, баскан-турганы, кыймылы менен эле көргөн адамдарды күлкүгө бөлөгөн. Ал эми Шаршен адатынча сахнага чыгып келип: – Менин мөлтүрөп өңүм, түсүм жакшы. Өзгөчө күчүм жакшы. Мурдум болсо кенен, сүйлөйүн десем азыраак сөзүм белен. Сүйгөн жерге келем, сүйсө сөзүмдү айтып берем. Эсим жок болгону менен акылым терең, көргөн киши «момун экен го» деген, бир жегенде төрт жарым бөлкөнү бир эле жеген – деп сүйлөй баштаганда боорун тырмап күлбөгөн киши калган эмес. Анын чыгармачылык өнөр жолу да бөтөнчөлүү.

Шаршен элди күлдүрүүнүн өздүк жаңы көптөгөн ыкмаларын ойлоп тапкан. Ал үчүн куудул бирде баяндоонун литоталык ыкмасын колдонот. «Мен Шаршен Термечик уулу. Атам жыгач устасы, боз үйдүн жыгачын, түндүгүн жасайт. Атам казан аштуу киши эле. Чоюн кашыкка тамак кылып, балдарына сыр кашык менен сузуп берип туруучу. Муну менен үй-бүлөсүнүн өтө жакыр кишилер экендигин сүрөттөгөн.

Бирде ал баяндоонун күлкү чыгара, атайы апыртып сүрөттөгөн, гиперболалык ыкмасын пайдалант.

Шаршендин дагы бир негизги ыкмасы терс көрүн үштөрдү сынга алуу. Ал тамашалап, апыртып, мактап, өзүн айткан болуп кыйытып да сынга алат.

Шаршен бири-биринен көп айырмалуу эки доорду өзү көргөн адам болгондуктан ал колдонгон «эски» менен «жаңыны» салыштыра сынга алуу коомдун талабына дал келген, өзү үчүн да абдан ыңгайлуу, жаңыча ыкма болгон. Шаршен сындоону көркүнө чыгарган. Ал келишпес мүнөздөрдү, жаман адаттарды, олдоксон жүрүм-турумдарды, эскирген салттарды сынга алат.

Бирөөлөрдү тууроо, тетири жактарын сындоо абалтан бери келаткан салттуу, куудулдук ыкма. Шаршенге чейинки куудулдар кишинин мүчүлүштүгүн бетине тике айтса, көзүнчө шылдыңдаса, же ал жок жерде аны туурап келекелесе, Шаршен чоң сатирик, таланттуу актер катары андай адамдарды кыйытуу, ооштура сүрөттөө, күчөтүү, жагымдуу юмор, ирония аркылуу, же сатиралык маанайда, келтире кебез менен мууздап, башкалар  күлкүгө жеткирсе, Шаршен комедияга айландырган. Анын «Энемдин кошогу», «Күйөө жолдош», «Бала соорот уу», «Самолетко түшкөндө», «Сыр» ж.б. чыгармалары ушундай комедиялардан.

Шаршен элдик шайыр өнөр менен жакшы тааныш болгон, айрым салттуулуктарды чыгармачылыгына пайдаланган. Ошентсе да анын куудулдугу өзгөчөлүү, өзүнчө. Ал табиятынан куудул. Өзү да кантип күлдүрүүнүн жол-жобосун мыкты билип, көкүрөгүнө «бырс» эткизе күлкү чыгарчу сөздөрдүн мол запасын топтогондуктан Шаршен элди эч даярдыгы жок эле, кыйналып-кысталбай шыдыр күлдүргөн. Анда куудулдук импровизация күчтүү болгон. Шаршен куудулдардын төкмөсү. Ошол себептүү анда күлдүрүүнүн айла-амал, ыкмалары өтө көп болгон.

Андай ыкмаларды ал мейли сахнада, жолдошторунун арасында, мейманда, же үйдө болобу күтүүсүздөн таап, ошол замат колдоно кеткен.

Кантсе да көп кырлуу элдик өнөр, ага жаштайынан болгон күчтүү ыкласы Шаршендин тубаса куудулдук талантына тамызгы болуп берген. Ошондон кийин бирде ыр үйрөнүп, бирде бирөөлөрдү туурап, комуз үйрөнүп, бирде өзү обон, ыр чыгарып Шаршендин шайырлыгы күн өткөн сайын улам өркүндөөнүн үстүндө болгон. Шаршен күлкү чыкпачу жерден да күлкү ойлоп тапкан куудул. Чакан интермедиялардан турган «Сыр» аттуу сатиралык чыгармасына ал өзүнө мүнөздүү кыйытуу, ооштура сүрөттөө, сындоо, калп, жагымдуу юморду ыктуу пайдаланган.

Кийинки жылы бирөөдөн уктум, уйдун этинин сүрсүгөнү абдан күчтүү болот деп. Биздикинде бир жээрде кашка бука болор эле. Жайлата чөмөлө тарткан, эңкейиште шалаң кесип такымын кызарткан, суу жокто ыраак жерден муз арткан, көгөн талап көзүнүн тегерегин кызарткан, көкүрөк терисин узарткан. Ошол бука соё электе эле сүрсүгөнсүп калган экен. Алып келип көтөрүп урдум. Конок келет, эт салып берем, таң атканча кыңылдашып чыгат, өзүм жесем да кыңылдап чыгам. Ырас эле уйдун этинин тирүүлөй сүрсүгөнү абдан күчтүү болот экен.

Шаршендин чыгармачылыгы да көп кырдуу болгон. Ал азыраак төгүп жиберген, комузду, домбураны черткен, эң сонун обондору бар, театрда актер болуп иштегендиктен актерлугу, артисттиги жана тубаса аткаруучулугу да күчтүү болгон. Бирок анын ушул өнөрлөрүнүн баарысы – куудулдугуна баш ийип, куудулдугу аркылуу көркүнө чыккан. Анын куудулдугу аткаруучулугунан, обондорунан, ырларынан жада калса бир бети комуз, экинчи бети домбура болуп чабылган чертмегинен да таасын билинип турат.

Ал эми бул жерде Шаршен кадыресе эле ырчы, болгондо да куудул ырчы:

Айткандар айтып калабы, Мендейлер карап калабы. Аныктап таанып алайын, Акын Барпы аганы. «Акын болсом» – деп жүрөм,

Барпыке, абайлап көргүн балаңы. Угуп тургун Барпыке, Төгөйүнчү жамгырдай.

Кошокко апам мыкты эле, Атам маркум өлгөндө, Кошокчу болуп чыкты эле.

Андан ооп маа келди, «Энесин тарткан булбул» – деп, Көргөн, билген айылда, Көп кемпирлер баа берди. «Баракелде, Шаршен» – деп, Байбичелер баа берди.

Калык ырчы жактырган, «Борумуң да мыкты» – деп, Боору калбай каткырган. Калк аралап көп жүрөм,

Калыктай болсом,– деп жүрөм. Калыктай акын боломбу? Ойлонуп айтчы Барпыке, Осмонкулду согомбу?

Шаршендин мейли интермедиялары, ырлары же обондору болсун айрыкча өзүнүн аткаруусунда өзгөчө көркүнө чыккан. Шаршен күлдүрүү чеберчилигинин багытын кадимкидей өзгөртүп, чегин кеңейтип, куудулдукка стилдик жактан арбын табылгаларды, жаңы ыкмаларды, штрихтерди кошуп, кыргыздын куудулдук өнөрүн болуп көрбөгөндөй гүлдөткөн. Куудул деген кандай болорл угун ал өзүнүн өнөрү менен айныгыс кылып далилд еди.

Шаршендин сатиралык маанайдагы жагымдуу юморго, кыйытма мыскылга, баштан-аяк комизмге жык толгон бир катар комедиялары аны дүйнөлүк куудулдардын катарына кошот. Ал эми анын кыргыздын куудулдук өнөрүнүн би йик дабанына айланган чыгармачылыгы куудулдуктун кайталангыс классикасы болуп калды.

Абдысалам ОБОЗКАНОВ

КОМУЗЧУЛАР

«Көбү жалган, көбү чын»… «Күүнүн башы Камбаркан» көз жарганда, балким, кыргыз «кыргыз» болуп атала баштагандыр. Адепки күүлөр агып отуруп, Ырамандын Ырчы уулу мезгилине куюлгандыр. Баатырдын үйлөнүү тоюнда жаш Айдары жанында Ырамандын Ырчы уулу баштык жүздөгөн комузчулар той шаанисин чыгарганын эстегендирсиз. Андан бери канча мезгил катмарлары кабатталып, Төлгөчү кара Төлөктөн («Шүдүңгүт»), Буга ноён аттуу күүчүгө («Кетбука»), Мендермандан Асан Кайгыга, Токтогул (XIV к.) Жээрен чеченге жетип, мурунку көчтү кийинкилер улап келе бергени ырас…

XIX–XX кылымдар ортолугу Ныязаалы, Муратаалы, Музоок е, Токтогул, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Муса, Мыскалга окшогон өнөр пирлерин берген тагдырдын буйругуна да тобокерчилик.

9-ТОМ  

Не алардын катарында, не алардын ары жагы-бери жагында күү-шаа түшкөн күү толкундар доолбас уруп турушу канчалык каниет. Андай учурда мезгил тереңинен учу-түбү улама аңыздарга айланган аспапчыларга кол серепчилейт көрүнөбүз: Арстанбек менен Акбаланы, Байбуура менен Байгазыны, Абак менен Атайды (Байзак уулу), Кудайырбек менен Боккөтөндү, Жолбун менен Кыдырды, Сейилкан менен Капалды, Кайназар менен Кошкулакты, Кудайберген менен Мамырды, Байгабыл менен Кайдууну, Серкебей менен Эшкөтөндү берген XVIII–XIX кылымдар кыйырына кылчактайбыз.

Айдараалы менен Майлыбайдын, Эркесары менен Коргоолдун, Самсаалы менен Акматаалынын, Усуп менен Асанаалынын (Ошур уулу), Жөлөгөн менен Асанаалынын (Кыштообай уулу), Мекиш Абдракмандын, Курманаалы менен Жалинин, Муса менен Мурсаалынын, Бектур менен Серектин, Назар менен Чалагыздын (Ыйманкул уулу) караандары калдайып, каш-кабагыбызда турганына да каниет.

Асылбек Эшманбетов, Шекербек, Акысбек Дүйшөев, Мейилкан, Абдыкерим Мокоев, Усубалы Казаков, Бөжөй Шадыканов, Бейшен Бакыев, Жусуп Самаков, Турсун Карымшаков, Байтик Корчуев, Бектур Бөгөмбаев, Алтымыш Мундузбаев, Токтосун Тыныбеков, Асанбек Кыдырназаров, Чалагыз Исабаев, Мыктыбек Үмөталиев ж.б. кый ырга таңшык күүлөр жаңырыктап турганда эсил кайрандарды «О дүйнө салды» дегенге оозуң барчудай эмес.

Бирин бири кайталабаган сай күлүктөр санагын ушулар менен тамамдасак таза болбостур. Тек, бүгүнкү күндүн мейкининен айланага серп салсак, өткөндөгү кү тү рө гөн күүчүлөрдүн, күжүлдөгөн ырчылардын, күпүлд өгөн манасчылардын калдайган караандары суюлгансыган жышаан көңүлүбүздү көйгөйгө салып коёрун жашырбайлычы. Деген менен эл ичи өнөрдөн өксүк кала койбос. Ошону эске алганда өткөндүн жук-пугуна деле каниет кылбаска чарабыз жоктой.

Бүгүнкү кыйчалыш кырдаалга карабай кыргыздын белдүү азаматтарынын бири – комузчу Дастан Сарыгуловдун мамлекеттик масштабдагы кароо-сынактарды өткөрүү демилгеси (1990–98-жылдары аралыгында комузчулар маселеси унутта кала берген эле) комуз өнөрүн коңулдан копшоп коюу мүмкүнчүлүгүн жаратканы коомчулукка белгилүү. Айманбет уулу Сексенбай, Ырысбек уулу Өзбек, Бексултан уулу Алыбай, Какей уулу Термечик, Ракым уулу Абдыш, Жуматай уулу Асанбек сыяктуу карыя комузчуларыбыздын кароо сынактын башында турушу менен кадырман Бакайча калк каадасын айгинелеп коюштун өзү канчалык бакыбат.

Абдракман уулу Нурак, Иманаалы уулу Зайнидин, Шабдан уулу Саадабай, Баяк уулу Фархидин, Касаболот уулу Төлөн, Ураалы уулу Намазбек, Акайбай уулу Эсенбек, Исак уулу Медербек, Кемелгазы кызы Шарыйпа, Эсенгул кызы Анара, Табылды уулу Батырбек, Сейдаалы уулу Асанга окшогон аймакка таанымал айкашка күүчүлөрүбүздүн катары келечектен көптү үмүт төн дүргөн: Жумабаев Руслан, Кулмаматова Насиба, Көчөрбаев Рахат, Нышанов Нурлан, Бараканов Бекбосун, Өмүрзакова Фарида, Молдокулов Рахатбек, Ибраимова Толкун, Маматова Гүлбүбү, Жунушев Рысбек, Камчыбек, Орозалиева Гүлзат, Бердибекова Мастура, Айсаев Жусупка ж.б. окшогон күлгүн жаштын күү чеберлери менен толукталып, комузчулар короосу коюуланып баратышын ооматтын оң жакка бурулушу дей туралычы. Тек, кабыргасы катыган карт бөрүлөр менен жаңы кадам таштаган жаш талапкерлердин «күч атасын тааныбас» таймаштарга бел байлап жатышын кылым күүлөрүнүн кыйыры түгөнбөс төлгөсүнө жоруй туралы.

Комузчулук татаал да, табышмактуу да өнөр. Аны өздөштүрүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Анткени бул өнөр тубаса шык жөндөмгө тикелей байланышкан. Коомчулукка анча билинбеген, күүчүлдүгү сыртынан баккандардын көңүлүнө анча илинбеген сыпайы комузчулар да боло келген. Андайлардын бири – оёзго орун басарлык кызмат өтөп опол-тоодой көрүнгөн, «чоң болуш аке» аталып Ата Журту алдынан кыя өтпөгөн, бирок өнөрү караламан калктын кан жанында дүргүгөн, таасын таланттарды тапса Тайбуурулдай сүрөгөн, «Төөгөчү» аттуу күүсү кыргыз аттуунун жүрөгүнө түнө гөн, кызыр салган карыя – Кыдыр аке комузчу; Кара жаак, кызыл тилинен бал тамган, каарына алса канзаадаларга тиш салган, «Канаат хан» кайрыктарында күү чалган олуя акын Нурмолдо комузчу; Өзү манап, өнөрү манап, теги манап, бирок кыл өнөрүн кымбат санап, кыйла шакирттери үчүн конууга куйрук, учууга канат – Кудайберген комузчу; Орус генералдарын ойлонткон, Кокон бектерин корголоткон, Алайдан чыккан даткалар: Алымбек, Курманжандын кулуну, «Жаа толгоолорду» жараткан Жамшитбек комузчу; Селкибозой топ куруп, селкинчек тээп күүлөнткөн, көңүлдөнүп какканда көк темирди сүйлөткөн, болор ишти чечкенде болуш-бийди сүрдөткөн, «Бурулчанын селкинчек бурбай теп» – деп үйрөткөн ургаачынын берени – Бурулча эже комузчу; Толгой черткен бир күүгө тогуз жылкы айдаткан, марттыгына чен жеткис бардар байдын баласы, баралына келгенде булбул куш менен комузун алым-сабак сайраткан, кийин-кийин коммунисттик идеологияга батпай калган, өмүрү өлчөөсүз өнөрү өкүттө калган комузчу Байгазынын Атайы күү өнөрү жаатында эскерүүгө татыктуу.

Кудурети күч Кудай Ала-Тоо койну толо аспапчылардын (күүчүлөрдүн) бүтүндөй бир муунун ХХ кылымга карай жылдырып койгон белем. Кайталангыс ошол таланттар бүгүн катарыбызда жок. Канткен менен мурастары колубузда, ошого шүгүрчүлүк.

Өз мезгилинин эң көрүнүктүү устазы, аксылык Ныязаалы Борош уулу. Тоо булбулу Токтогулдан Шекербекке чейин топ бузар комузчулардын устаты катары, анын репертуарын комузчулукта кездешүүчү күү жанрлары («кара күүлөр», «ойнотмо күүлөр», «шайыр күүлөр», «кууд ул күүлөр») дээрлик камтыгандыгы менен айырма ланган.

Калк айтса, калп айтпайт. Жамы журтчулук Токтогулдун акындык өнөрүн айрыкча белгилешип «булбул Током», «Торгой Током» атантышкан. Ал эми «комузчу Током» бул өнөрдө биринчиликти устаты Ныязаалыдан, Карамолдодон талаш паган. Кошумчалап коёрубуз, Токтогулдун 125 жылдык мааракесинде элдик санжыра уламаларды чогултуп, Токтогулду иликтеп жүргөн Букамбет уулу Айтымбет айткан эле: «Током Сибирден келгенде жалгыз баласынан ажыраган. Кийинки үйлөнгөн байбичесинен төрөлгөн балдар да токтобой турмуштан жабыркап бошой түшөт. «Ансыз деле кайгы касиретим жетишет, кыяк күүсү өтөмө-өтө муңдуу келет эмеспи…» –  деп, экинчи кармабай коюптур. Ошол себептүү кийинки муундар анча элес албай, Токтогулдун кыякчылык өнөрү унутта кала берген сыягы. Айтымбеттин оюна кошулсак, унутта калып бараткан Токомдун кыякчылык өнөрүн иликке алып, кийинки урпактарга тартуулай алсак, Токтогул бийиктиги дагы бир баскычка көтөрүлө түшмөк деген ойдобуз.

Муратаалы аксакал замандаштары алдында устат катары таанылган. Музыкалык аспаптардын (кыл кыяк, чоор, сурнай, комуз…) көп түрлөрүндө чебер ойногон. Комузчулук маселесинде күүнүн алпы Карамолдого жол берип, каадалуу карыялык калыстык наркты туу туткан жана өз өнөрүн биротоло кыяк күүсүнө оодарган.

«Карамолдо өзүнүн кесиптеш жолдошторунун арасындагы эң алдыңкы музыкант болучу. Ал мындай абалга комузду эң сонун чертип, чоң репертуарга ээ болгондугу менен гана жетишкен эмес, ошону менен бирге, ал – комузчулардын өзгөчө элдик мектебине жетекчилик кылган» (В. Виноградовдон).

Ыбырай жөнүндө айткыбыз келсе, анын күүлөрүнүн тизмесин тек гана санап коюу эмес, алп күүчүнүн чыгармачылыгындагы мезгилдин талылуу меселелериндеги жаңычылдыкты ачууга болгон умтулуусун айгине кылуу, анын узак өмүрүндөгү эки доордун өзгөчөлүк белгилерин өз-өзүнчө граждандык-художниктик мүнөздө сүрөттөөгө алган ыбырайлык баамды табууга тийишпиз. Андай учурда ир алды өнөркечтин калтырып кеткен мурастарынын кийинки урпактар үчүн таасир этерлик тарыйкасы көңүл чордонунда болмогу ийги. Образ жаратуудагы чеберчилик Коргоолду акын катары таанытса, койкоңдогон комузу оригинал музыканттын катарына койгондугун, коллегаларындай ордо калаада эмес, элет базарындагы орду Коргоолду «Коргоолго» боёгондугундай эскере жүрүүнүн эби бар. Комузчулук жөнүндө сөз болгондо Ныя заалы, Муратаалы, Токтогул, Айдараалы, Майлыбай сыяктуу күү пирлерин сыймыктануу менен эскербей коё албайбыз. Бирок алар менен алака байланыш алыста калгандыктан, не алардын аткаруусунда жазылып калган үн тасмалар колубузда болбогондуктан, алардын чыгармачылык дасмиясын аңтарууга азырынча мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү гана. Ал эми алп күүчүлөр Карамолдо, Ыбырай, Атайлар менен камыр-жумур алакалаш жашагандыктан жол-жосундарын жобо катары кабылдоо мүмкүнч үлүгү колубузда турган эмес беле.

Элдик салт күүлөрдүн («Сынган бугу», «Насыйкат», «Ибарат», «Көкөй кести») санатын Карамолдо кайрыктары тастыктаса, жаңы заман күүлөрүндөгү жаңылыкты (терип чертүү үлгүсү – «Кеңеш», «Жеңиш», «Жыргал күн», «Боз салкын») Ыбырайлык ыкмалар ырастап жатса, аларды ыр сабындай жат албаска не? Атайчасынан кол ойнотпосо («Ак тамак», «Саадак какты») ансамблдердин наркы канча да, Айдараалычасынан каткырбаса («Көйрөң күү») шайыр күүлөр дүн мааниси чыкмакпы?

Дегинкиси, карамолдолук касиетти элдик эски нуктан таап, Ыбырайлык ынтааны жаңычылдык табылгалар ташпиштесе, Атай виртуозун айтыш күүлөрдөн аңтарып, аспап өнөрүнө Айдараалы күлкүсүнөн канып жатсак, комузчулуктагы «Карамолдо мектебин», «Ыбырай мектебин», «Атай мектебин», «Айдараалы мектебин» тааныбаска не? Ушул баскычтардан өтүү карт комузубузду кайра жашартып, өнүгүүнүн өзгөчө баскычтарына көтөрүп салган эмес беле. Өнүгүү демекчи, территория лык өзгөчөлүк да үч кыл сырларына өз боёгун сүртөт белем: «Толгоолор» тоомунда (оң буроолор), тематикалык түркүмдөрдө, чеберчилик диапазондорунда «түндүк-түштүк» өйүз-бүйүзгө өргүү салып келээр ин көңүлгө тутуп жатабыз. «Ак Бакайга» ашык болгондор, «Саринжи Бөкөйдү» самагандар, «Тайчылар» сырын тапсам дечүлөр «Оң буроолор» түйүнүн чечмекке, Оштун суусун кечмекке, Болуш күүчүнүн сынынан өтмөккө ат тезегин кургатпай түштүккө агылган эмес беле. Ошентип, түштүк күүлөрүнүн түндүккө оошуу огожосу күү дүйнөсүндө дагы бир мектепти – «Болуш мектебин» шарттаган эмес беле. Канткен менен калкагар тарткан кайрандардын кайсы бирлеринин мурасы кагаз бетине (нотага) түшү рүлүп, канчаларынын күүлөрү (өздөрүнүкүн, өзгөлөрд үкүн кошуп алганда) кыргыз радиосунун алтын казынасына алынып, ишенимдүү жайда сакталып тургандыгы улут келечеги үчүн өлчөөсүз олжо десек туура болор.

Ыбырайдан – 139 күү, Эркесарыдан – 81, Асылбек Эшманбетовдон – 75, Асанаалы Кыштообаевден – 70, Карамолдодон – 48, Бектур Осмоновдон – 43, Шекербектен – 42, Самсалы Аликеевден – 42, Мекиш Баатаевден – 39, Барпы Сапековдон – 28, Мурасалы Турсунбаевден – 19, Жылчый Курманкожоевадан – 19, Бөжөй Шадыкановдон – 16 ыр, күүлөр, Жали Алиевден – 16, Саит Бекмуратовдон – 13 кыяк күүлөрү, Алымкул төкмөдөн – 8, Мейилкандан – 8, Калык ырчыдан – 6, Коргоолдон – 4 күү…. Арийне, соңунан дагы канча жаңы күүлөр, жакшы күүлөр жаралар. Тек, аны менен улуттук музыкалык кенчибиздин учугу уланар, угуту коюуланар. Коркунучтуу, кооптуу жагдай – коломтодогу ошол кутубузду кор тутуп, уруна албай упуратып жиберсек, кокуй алат мына ошондо.

Комузчулук өнөрдү тутунгандар чыгармачылыктын чыйыр жолунда калайык-калкка аткаруучулук же күүчүлдүк шык дарамети менен таанылышат. Ушул эки багытты бирдей уучтагандар да аз эмес.

«Жакшы күү жан эритет, жаман күү жан кейитет». Бул накылды дагы уласак: «Жаман күү жок, жаман аткаруучу бар». Жакшы аткаруучунун колунан чыгарма (күү) кайта жаралат, багы ачылып, базары гүлдөйт. Жаман аткаруучуга тушукса чыгарманын шору – будамайланат, бурмаланат, келечегине көлөкө түшөт.

Кайрыктарынын катарын бузбай, ыргактарын ыраатына-кыраатына келтире, ашыгы жок, кеми жок, оригиналга тете чертилген күүлөр – таза аткаруучулуктун натыйжасы. Таза аткаруучулук Самарбүбү Токтакунованын манжаларына көбүрөөк таандык.

Самаралык ийиктей чимирилген элпек манжалар бир карасаң Карамолдо болуп кубулуп, ыгына жараша Ыбырайчасынан кыл тербеп, «Ак тамакка» келгенде Атай болуп сабалап… а дүйнө салган кайрандар алдыбызга келгенсип тирилип… аласы-чаласы жок кара күүлөр, обу жок ойкуштабаган ойнотмо күүлөр орду-орду менен тизилип…

Комузчулардын шык дарамети өнөр өрүшүндө алган ордуна карай аныкталары да белгилүү.

Андай ыйгарымды ыроолоодо чалды-куйду чампалай салуу менен эмес, кара кылды как жарган калыстыкты карманууга тийишпиз. Анткени кол ийрисине тарткан кошоматчылык кабат-кабат мактоолорго азгырса, кол шилтей салчу көралбастык шайырлардын шаа байын суутуп, калк алдында кадыр-баркына доо кетирип коюшу ыктымал. Андай экен, ардактуу окурманым, ар салмактын акыбетин сиз дагы таразалай тактай отурсаңыз ашык болбос.

  1. Майда комузчулар. Обондорду ойку-кайкы келтирген, кайрыктары калтыра чертилген, кара күүлөргө каруусу жетпеген, кыл кыбыратканга маашыр-кыбыр комузчулар деле күү өнөрүндө күнөөкөр эмес.
  2. Чоң комузчулар. Кайрыктары кабелтең келген, ыргактарында ыракат дүйнөсү уялаган, узарта чертсе угарман дарына жаккан, көптөгөн күйөрмандарын тапкандар чоң комузчу аталышат.
  3. Залкар комузчулар. Чоңдун-чоңу, зордун-зору, ашып ташкан талант-залкарлыктын белгиси. Өзгөчө шык жөндөмү менен өнөктөштөрүнөн айырмаланган, өнөр өрүшүнө өз чыйырын салган, атпай журтка аттын кашкасындай таанылган күү чеберлерин эли залкар комузчу катары сыйлашат.
  4. Улуу комузчу. Жарык дүйнөгө жалгыздап бир келген, өнөр өрүшү кол жеткис бийиктикти мелжеген, ал ченди башка эч ким кайталай албаган шартта гана Улуулук жаралмак.

Кыдыр даарыган кыл устаздары үчүн Улуулук даража уучтап-уучтап кармата салчу гүлчамбар эмес. Андай болсо азырынча келсек Карамолдонун, катарлаш десек Ыбырайдын ысмын гана оозана турганыбыз эп. Тек, баралына келе элек балапан таланттар барчын болуп жетилгенче байма-бай мактоого чулгоо менен убарасы жок Улуулукту ыйгара коюуга шашкалактоонун шайтан азгырыгынан алыс болушубуз абзел. Кыргыз-кыргыз болгону, «кыргыз» атка конгону комузу коюндаша жашап, сөз менен жеткире албаганды күү менен билдирип, күү аркылуу акыл пештеп, ой калчап келишкен. Кыл тырмаган ышкылардан атагы алысты сермеген аспапчыларга чейин жаратмандык дилгирлик басаңдабаган, ыргагынан жанбаган. Ал салтсабакты ары карай улап кетүү аталар жолунан айныбас атуул дук ар-намыс гана мүнөздүү.

Асан КАЙБЫЛДА уулу

МУРАТААЛЫ

Муратаалы Күрөңкөй уулу 1860-жылдын жай айларында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Талды-Булак деген жерде төрөлөт. Ал Көл аймагында 1930-жылдарга чейин жашайт. Андан кийин Чоң-Кеминдеги Кайыңды (азыркы Чоң-Кемин) совхозуна келип туруп калат. Муратаалы отурукташкан жерин:

Комуз-кыяк сүйлөткөн, Оң колумдун салаасы.

Жердеген жеримди айтайын

Чоң-Кеминдин талаасы –деп коңур үнүн комузуна коштоп, жердеген жери менен сыймыктанган.

Муратаалы үч-төрт атасынан бери комузчулукту, чоорчулукту, сурнайчылыкты, кернейчиликти кесип кылган музыкалуу үй-бүлөдөн чыккан. Анын түпкү ата-тегинен бери кедей болушкан. Ошондуктан, алар табигат берген өнөрчүлүк менен эл аралап, жан багышкан. Күрөңк өйдүкүнө белгилүү эски ырчылар, комузчулар, эл куудулдары, жомокчулар да келип кетип үйүнөн киши өксүчү эмес экен. Күрөңкөй Муратаалыны жакшы көрө турган. Ага эртели-кеч комуз чертип берип, эл арасындагы ар кыл санжыраларды айтып, наристенин көңүлүн көркөм дүйнөгө байлоого аракеттенет. Боорун жерден көтөргөндөн болочоктогу шайыр ата-энесине күйүмдүү, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган зээндүү адам болуп өсөт. Алтыдан жетиге кадам койгондо ата-энеси үйдө жокто комуздун кулагын толгоп, өзүнчө чертип жүрөт. Атасынын жана залкар шайырлардын черткен күүлөрү анын комузга болгон ынтаасын күчөтөт. Кантип комузду үйрөнөм деген ой жүрөгүн өйүп, тынчын кетирет. Уйкудан бездирет. «Аракет кылсаң берекет» дегендей, көптөгөн аракеттенүүнүн аркасында кайруулары жеңил майда күүлөрдү черте баштайт. Үч жыл ата-энесине жана башка айыл адамдарына билгизбей уурданып чертет. Бирок он жашка чыкканда анын жашыруун сыры ата-энесине, айыл арасына билинет.

«Балага ата сынчы» дегендей, келечекте атагы алыс тараган комузчулардан боло турганын байкаган атасы жана айыл аксакалдары Муратаалыны аш-тойлорго, шерине жешкен түнкү отуруштарга ээрчитип барышып, комуз черттирип, бетин ачат.

Кечээки уурданып чертип жүргөн Муратаалы барабара калк арасына салабаттуу комузчу катары таанылат. Элдик ырларды аткарат. Айылды аралап атактуу ырчы, комузчулар, эл куудулдары менен таанышат. Алардан көптү көрүп, көптү угат, билбегенди билет. Акыл-эсин, ички дүйнөсүн байытат. Бирок кийинки күндөрдө Күрөңкөй негедир баласынын комузчу болушун көп сүйбөй: «Күү чертип, эл бийлесем мен бийлейт элем. Атаңдын айтканын ук, балам. Элден эл кыдырып, менин этегим эки болгон жок. Байлардын: «Чоркок комузчудан – шуулдап соккон жел артык», «Тантык акындан ак урган дубана артык» – деп, шылдыңдашканын далай жолу уктум. Дагы айтам, комузчулардын журт бийлегендерин көрө элекмин. Андан көрө дин окуусунан окуп, молдо бол. Азыр кы замандын молдосунан ким ардактуу, айтканымды ук» – деп, айылдагы молдого бир ай энчилеп, Муратаалыны окууга берет. Анткени мунун да жөнү бар эле. Жакырчылык турмуштан Кү рөңкөй нени гана көрбөдү. Комузун колтугуна катып, айылдан-айыл кыдырды, эчен жолу бай-манаптардын желдеттеринин токмогун да жеди. Комузун да сындырткан күндөрү болду. Мына ушул себептен уулун кат тааныткысы келген. Эл өңдөнүп катарга кошулуусун тилеген.

Атанын айтканын угуп, бир топко окуйт. Бирок Мура таалы күнүмдүк турмушуна карабай келечегине терең ой жүгүртөт. Акыры ал дин окуусунан баш тартат. Түн түшүнөн, күндүзү колунан түшпөгөн комуз чертүүнүн, ал турсун кыл кыяк, сурнай, чоордун дагы артынан сая түшөт. Анын залкар комузчу болушуна биринчи иретте атасы, экинчиден Көл, Нарын, Чүй өрөөндөрүнөн чыккан айтылуу шайырлар зор таасир этет. Муратаалынын чоң комузчулугу Чыңгышбай, Боккөтөн, Турдукожо ж.б. менен чертишип, аларды жеңгенден кийин жумурайжуртка кеңири белгилүү болот. Тилекке каршы, жакырчылык турмуш жаш таланттын дагы белин мертинтет. Жокчулук, оор турмуштун запкысынан элдик шайырдын күлгүндөй өмүрүнүн көбү айылдан айылды аралап, элден эл кыдыруу, ач-жылаңач болуп, көрүнгөндүн эшигинин алдында жүрүү менен бай-манаптардын малын багып, отунун алып, суу сун куюп, малай болуп каргашалуу күндөрдү башынан өткөрөт. Ал күндөр жөнүндө Муратаалы кийинчерээк:

Башында ылажы жок байда жүрдүм,

Малайлыкта мал айдап, сайда жүрдүм –деп эскерген. Ал малайлыктан башы чыкпаса да, ата өнөрүн терең урматтап, өнөрүн өркүндөтө берген. Муратаалы бала чагынан эле нукура табигый көп жактуу талантка ээ болгон. Ал бир эле мезгилде комузда, кыл кыякта, чоордо, сурнайда, кала берсе темир комузда угуу чу, көрүүчүлөр суктана таң калышкандай чеберчиликте черте, тарта, кага да билген. Ошону менен бирге элдик кенже эпостордун мыкты айтуучусу да, анча-мынча акындарды алдыга салдырбаган жамакчы ырчы да, уккандарды уюткан санжырачы, сөзмөр да болгон. Ал колуна кармап ойногон музыкалык аспаптын барды гында:

Комуз менен кыякка

Ак бөкөндөй жойлодум,

Чоор, сурнай төртөөнүн

Эч бир күүсүн койбодум,–деп өзү ырдагандай устаттыкта ойногон. Ал мындай касиетке эзилип эмгектенүүнүн, көшөрө назарлануунун натыйжасында жеткен. Муратаалыда табигый зээндүүлүк менен бирге музыкалык көрүү, угуу сезимдери, нагыз чыгармачылык кыялдануу мол болг он. Ал өзүн курчап турган айлана-чөйрөнү, көрүнүштү, турмушту кылдат баамдап, музыкалуу кабылдаган.

Калкыбыздагы музыкалык таланттуулуктун, тажрыйба менен билимдин чыныгы казынасы аталган Муратаалы комуз, кыл кыяк, чоор, сурнайдын «эч бир күүсүн койбой» ойногон. Ал биринде бере же жеткире албай калган оюн экинчисинде, ал эми анда терең ача албаганын, үчүнчүсүндө ачкан. Муратаалы ар бир аспаптын тилин, сырын мыкты билген. Ошондуктан ал аспаптарга кандай күүлөрдү чыгаргысы келсе, каалаганындай чыгармаларды жараткан.

Муратаалынын чыгармачылыгындагы эң башкы орунду комузчулук ээлейт. Ал «Күүнүн башы Камбаркандан» баштап, комуз музыкасындагы бардык жанрларды, түрлөрдү черткен. Алардын негизинде, ондогон күүлөрдү да чыгарган. Ал өзүнүн чыгармачылыгында комуз музыкасындагы эң башкы, эң татаал жанр (залкар) күүлөрдү өнүктүргөн жана негиз салуучуларынын биринен болгон. Залкар күүлөрдө айтайын деген ой, берейин деген идеясы бүтүндөй терең, ойлуу кайрыктар менен баяндалып, кол чакмак алгандай ойнотулбастан тең салмактуу, өтө сабырдуу аткарылат. Аларда бөтөнчө темаларды ар түркүн добушта түрлөнтө өнүктүрүү кеңири өскөн. Булардагы негизги өзгөчө лүк – аткарылып жатканда араларына ыр же сөз кошулбайт. Тигил же бул күү чертилээрдин алдында гана эмнеге арналганы, кандай окуяны сүрөттөгөнү б. а., маңызы (мазмуну) кара сөз же ыр менен (мисалы, Муратаалы «Айдайдын ботою» аттуу күүнү аткарардын алдында «Илгерки өткөн заманда Айдай деген айтылуу комузчу жашаптыр. Ал көзү өткөнгө чейин ыңаалаган баланын үнүн укпаптыр. Качан Айдайд ын карылыгы жеткенде, ботодой көзүн жайнаткан наристенин үнүн укпай как баш атанып өлөмбү – деп, арман катарында чыгарыптыр» деген шекилдүү), чечмеленип, тарыхы айтылып атк арылат. Сөздүн кыскасы, ар бир залкар күүнүн кичинекей бет ачарынан музыкасынын терең мазмунунан тилибиздин басып өткөн бүткүл тарыхый өмүр жолунун элеси келет. Муратаалынын черт кен элдик жана айтылуу шайырл ардын, өзүнүн күүлөрүнүн көпчүлүгү программалуу келип, тарыхтары айтылып аткарылат. Залкар шайырдын репертуарындагы тарыхый элдик күүнүн бири – «Кетбука». Ал жанрдык жагынан комуз музыкасында өтө сейрек жолуккан табышмактуу алым-сабак күүлөрүнө кирет. Бизге «Кетбуканын» төрт түрү (үлгүсү) келип жетти. Алсак, Муратаалынын, Карамолдонун, Эшимбек Толтоевдин, Шекербектин аткарууларында «Кетбуканын» негизин каардуу мүнөздөгү эпикалык обон түзөт. Аны ар бир комузчу өз алдынча кооздоп, кайрыктарына кайрууларды улап, кээси аткаруучулук устаттыгына, жөнд өмдүүлүгүнө жараша алымча-кошумчаларды кошуп,  өзүнө ылайыктап ар түрдүүчө чертишкен. Ошондон эле алар күүнүн жалпы чыгыш тарыхы бир мазмунда болсо да айрым жаңылоолорду, көркөмд өөлөрдү, сүрөттөөлөрдү кошуп тереңдетип, кеңей тип да айтышкан.

Муратаалы өзүнүн репертуарындагы салт күүлөрдү ар кандай жанрларга, түрлөргө, топторго да бөлүп черткен. Ал комуздун кекиртек жагынан кайрылып чертилген аспаптык чыгармаларды моюн күүлөр деп атап, он башылаган «Камбаркандардын» ар канд ай үлгүлөрүн аткарган. «Күрөңкөйдүн Камбаркан», «Даниярдын Камбаркан», «Сейилкандын Камбаркан» «Асанбайдын Камбар кан», «Сартбайдын Камбаркан», «Кененбайдын Камбаркан» шекилдүү ар кайсы мезгилде жашап өтүшкөн шайырлардын чыгармаларынын да кыябын таба черткен. Айрыкча Муратаалы ар башка аткар уучулук чеберчиликтеги, стилдеги, манерадагы, мүнөздөгү чертмекчилердин күүлөрүнө өзүнчө өң, түз, кооздук берип ойногон.

Муратаалы «Бел күүлөр» деп, комуздун моюнунун орто ченинен чертилген ондогон ар кыл мазмундагы чыгармаларды да аткар ган. Алардын негизин «Күрөңкөйдүн ботою», «Боккөтөндүн ботою», «Чыңгышбайдын ботою», «Сейилкандын ботою», «Ак баланын бо тою», «Эсенамандын ботою», «Тилендинин ботою» аттуу күүлөрү түзгөн. Аларды да ал терең сүйүү, зор урматтоо менен черткен. Муратаалынын аткаруусундагы ар бир «Ботой» аттуу салт күүлөрдүн мазмундарынан ар кыл мезгилде жашап өтүшкөн шайырлардын жалпы чыгармачылыктарынан кабар алабыз. Ошону менен бирге Муратаалы абалкы шайырлардын мурастарынын жайылтуучуларынан, сактооч уларынан да болгон. Ал Сейилкан, Кудайберген, Кудайырбек, Чыңгышбай, Муса, Акбала, Эсенаман, Тиленди өңдүү комузчулардын «Ботойлорунун» ар биринин ажарларын ача, маңыздарын байыта авторлоруна жалпы мүнөздөмө берип аткарган. Маселен, «Тилендинин ботою» аттуу салт күүнү чертээрде: – Сокулуктан чыккан айтылуу комузчу, «Тилендинин ботою» деген күү. Муну атайлап үйрөнгөм. Тиленди өз заманынын чыгаан комузчусу болуптур – деп айтып черткен. Ал эми күүнүн музыкалык маңызына үңүлсөк не бир жеңил жумшак бөтөнчө угумдуулуктагы обонго күбөдөр болобуз. Муратаал ы аны чыныгы берилүү, суктануу мен ен аткарган. Муратаалы бел күүлөрдүн түрлөрүнө кирген «Чоң кер толгоо», «Орто кер толгоо», «Кичи кер толгоо», «Чайкама» дег ен күүлөрдү да аткарган. Комузчунун «Кер толгоолорду» чоң, кичине, орто деп бөлүп чертиши, дүйнөлүк музыканын кенен өскөн түрлөрүндөй программасыздыкка ээ болушуна да жол ачкан. Бул болсо комуз күүлөрүнүн бийик деңгээлге көтөрүлгөнүн, көп жактуулугун айгинелейт. Ушундай эле Муратаалы бел күү лөрдүн түркүмдөрүндөгү «Орто кербез», «Кичине кербези», «Кененбайдын кербездери» деген түрүн жана ортолугун, кичинелигин, авторун көрсөткөн «Кербездерин» да ат карган.

Муратаалынын «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама», «Камбаркан» өңдүү элдик жана айтылуу комузчулардын салт күүлөрүнүн аткарылышы репертуарын арбытып чеберчилигин арттырат. Анын муз ыкалык жан дүйнөсүн ба йытып, өз алдынча чыгармаларды жаратууга дем берет. Ал эски салт күүлөрдүн үлгүсүндө «Муратаалы нын ботою», «Муратаалынын кыз кербез», «Муратаалынын чоң шыңгырама», «Муратаалынын кер толгоо», «Муратаалынын ботою», «Муратаалынын кичине кербез», «Муратаалынын кичине ботой», «Кичинекей шыңгырама» деген чыгармаларды жараткан.

Муратаалынын «Кичинекей шыңгырамасы» менен «Чоң шыңгырамасы» программасыз кубаттуу чертилет. Эки «Шыңгырама» ритмикалык кыймыл жагынан кайраттуу жаңырат да, курч басымда аткарылат. Бул күүлөр башка чыгармалардан динам икалуулугу, төкмөлүүлүгү, чендик ритмдүүлүктүн эркин чертилиши менен өзгөчөлөнүшөт. Автор булардан сырткары программалуу «Төтөн шыңгырама» аттуу салт күүнү да чыгарат. Анда бир жаштан удаа төрөлгөн үч кыздын эне-атасы өлүп, томолой жетим кал ганы баяндалат. Үч кыз көрбөгөн кордукту көрүшөт. Ошондо үчөө темир комуз менен баштарынан өткөргөн азаптарын үч түрлүү кылып кагат. Аны Мукең комузга салат. Муратаалы ар кандай стилдеги музыкалык жүрүштөгү, мүнөздөгү, түркүн маңыздагы «Ботойлорду» көп билген жана көп черткен. Алардын таасиринде, үлгүсүндө Мукең өзүнүн «Ботойлорун» жараткан. Автор «Кичинекей ботоюнда» табигаттын келбетин сүрөттөйт. Ал кандайдыр «Альбомдун баракчалары» сыяктанып, өзүнчө бир оригиналдуулукту түзөт. Ал эми «Муратаалынын ботою» болсо назик, жумшак обондо кайрылат да, мүнөзү жагынан кайгылуу бешик ырына үндөшүп, күүнүн жалпы обону да, кошоктун интонациясы да жаңырат. Автордун «Кер толгоосу» салмактуу эпикалык мүнөздөгү формасы боюнча келбеттүү жана ритмикалык жагынан кызыктуу күү. Анын аякы бөлүгү эмоционалдуу оор абалда жаңырат. Ал эми «Кер толгоонун» түпкү өзөгүндөгү рондо түспөлүндөгү түзү лүш угуучулардын көңүлүн өзүнө бурат.

Залкар музыкант комузда өзү айткандай «ак бөкөндөй жойлогон». Ал атайын аспапта алынган ыкмаларга карата да «Терс кагыш», «Кайырма» аттуу күүлөрдү да чыгарган. Автор «Терс кагышында» оң колунун манжаларынын артынан кагып (терс уруп), ар түрдүүчө акчылантып ойногон техникасынын эң жогорку бийик чеберчилигин салтанаттаган күүнүн өзөгүнө шаңдуу мүнөздөгү бийдин фразасы алынган. Ал ыкчамдатылган жүрүштө өткөрө темпераменттүүлүктө чертилген. Комузчунун «Кайырмасы», негизинен, эки музыкалык бөлүмдөн турат. Анын биринчиси терең ойлуу, кусаланууну баяндаса, экинчиси, ачыгыраак келип, армандын, кошоктун интонация сы менен байланышкан. Ал эми күүнүн финалы – алга умтулгандыкты, жаркындыкты баяндайт.

Муратаалынын жүрөгүнө бай-манаптардын кедей-кембагалдарга көргөзгөн зомбулугу да так салат. Жергиликтүү эзүүчүлөр кедейлердин төбөлөрүнөн кан, жондорунан кайыш алат. Аларды Мура таалы өз көзү менен көрүп, делебеси козголуп, каны кызыйт. Ошону менен бирге ал кедейлерди биримдиктүү, кайраттуу туруп тартынбастан, тайманбастан бай-манаптардан өч алууга чакырат. Муратаалы өзү да «Арман күү» аттуу күүсүн чыгарат. Анда автор өз керт башынан өткөргөн оор турмушту сүрөттөйт. Күүнүн негизги музыкалык өзөгүнө элдик армандын обонун алган. Автор аны нака чыгармачылыкта иштеп чыккан. Залкар күүнүн кайрыктарында тек гана автор дун армандуу турмушу эмес, жалпы кедей-кембагалдардын жабыр тартканы, эркиндикти эңсегендери сыпатталат. Мурат аалынын чыгармачылыгында өзү теңдүү бей-бечаралардын турмуштарын терең чагылдыруу күндөн-күнгө күч алат. Бий, болуштар ак падышанын буйругу деп, кедейлерге алык-салыктарды кара өзгөйлөнүшө арбыта салышып, алардын терилерин тирүүлөй сыйрышат. Мындай кендирди кесип, көкөйгө көк талкандай тийген тур мушту чагылдырган куйкумдуу (сатиралык) темадагы күүлөр да Муратаалынын өздүк репертуарында кеңири орун ала баштайт. Алсак, ал комузчулар арасына салт күүлөр шекилдүү тараган «Күрөңк өйдүн карөзгөй» аттуу куйкумдуу (сатиралык) кайрыктардагы күүлөрдү кара таман кедейлердин араларында чертип, жергиликтүү эзүүчүлөрдү жексен кылууга чакырат. Бирок ал өзүнүн «Кайра качпа» аттуу кайраттуу жүрүштөгү, баатырдык мүнөздөгү күүсүндө жарды-жалчыларды эрдикке шыктандырып бай-манаптардан кайра качпай, өч алууга чакырат.

Муратаалынын армандуу турмушуна жана тунук махабатына арнап чыгарган күүсүнүн бири – «Көл камыш». Анын чыгышына төмөнкүдөй шарттар себепкер бо луптур.

«Сары өзөндүү кең Чүйдүн «Желаргысынын» төш жагындагы «Бөйрөк-Булак» деген жерде жашаган Бошкойдун Айганыш аттуу кызына Муратаалы күйөөлөп келет. Ал жаш болсо да Ысык-Көлгө, Чүйгө атактуу комузчу катарында таанылып, топтун көркүн чыгарып турган кези экен. Мукең Бөйрөк-Булакта бир нече күн жата конуп, комуз чертип, кыл кыяк тартып, айылдагылардын черин жазат. Жаш шайырдын өнөрүнө шерденишкен эл тим турбастан, ага жорго мингизип, андан тышкары кой, жылкы беришет. Алардын баарын Муратаалы калың катары Бошкойго берет. Ач көз Бошкойго Мукең берген жандыктын баары «аздык» кылат. Ошол себептен ал кызын бербей коёт. Ошондо Муратаалы жолдошунун жардамы менен Айганышты ала качмак болот. Болжошкон күнү Муратаалы түн ортосу оогончо кыз-келиндерге өнөрүн төгүп, көңүлдөрүн ачат. Алардын арасында Айганыш да болот. Оюн-зоок да бүтөт. Муратаал ы болсо жолдошу менен Айганышты ала качат. Айылдан чыга бергенде Бошкойдун аркандалып турган кара айгыры Айганышты таанып калып, окуранып жиберет. Ошондо Айганыш Муратаалыга: «Бул айгырды мине кетели» – дейт. Бирок илгери-кийинки уятчылыгын ойлогон Муратаалы ага макул болбойт. Бошкой болсо айгырынын окуранганынан туюп калып, кара айгырды минип Муратаалы менен Айганыш кеткен тарапты беттеп кууп жөнөйт. Азыркы Кызыл-Көпүрөнүн жанында илгери кичинекей көл болуп, айланасында камыш өскөндүктөн, Көл камыш деп аталуучу экен. Кыз, жигит, күйөө жолдош ушул жерге келгенде таң аппак атат. Аларды Бошкой кара айгыры менен кууп жетет. Ал эми Муратаалы, Айга ныш Бошкойду көрөр замат андан бир чети ыйба, бир чети уялышып аттарынан дароо түшүшүп ташка жашынышат. Бошкой аларды көрсө да көрмөксөн болуп аттардын баарын коштоп алып кайра Желаргыны көздөй жүрүп кетет. Бир аздан соң Муратаалы башын көтөрүп, айланасын караса Айганыш көрүнбөйт. Ал тургай жолдошу да жок. Муратаалы: «Буларга эмне болду. Айганышты атасы алып кеттиби» – деп, ойлойт. Аңгыча арт жактагы таштардын араларынан чыга келген Айганыш Муратаалыга: «Бая эле атамдын кара айгырын мине качалы десем болбойсуң. Биз ушуну көрмөкпүз» – дейт. (Ал эми кийин Мукең баягы Айганышын ала качкандагы окуяны эске алып: «Дайыма болбосо да, анда-санда аялдын сөзүн угуп коюу туура экен» – деп кемпирин тамашалоочу экен.)

…Ошентип Муратаалы, Айганыш жана жолдошу болуп үчөө атсыз-тонсуз, ээн талаада калышат. Муратаалы ташка көчүгүн коюп:

Алган жарым Айганыш,

Алдырган жерим Көл камыш.

Атым жок жөө баруудан. Айылдан калдым мен алыс, –деп ырдап өзүнүн кубанычы менен ызасын аралаштырып күү чертет. Аны «Көл камыш» деп атайт. Ал эми Муратаалы, Айганыш жана жолдошу Ысык-Көлгө бара жаткан жолоочулардын жардамы менен Сары-Камыштагы үйүнө жетет.

Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Бошкой алган жандыктары «аздык» кылып, көрсөткөн ызасы менен тынып калбай: «Жүз кой берсин» – деп көшөрүп жаткандыгы жөнүндө кабар Сары-Камышка жетет. Кайын атасынын эмки «салыгына» берейин десе атасы Күрөң көйдүн кою чендей турган эмес. Ошондо эл элдик кылып «калк эрмеги Мукеңе» жүз кой чогултуп берет. Бошкой болсо «ыраазы» болуп, уялбай туруп: «Балам баягы мен силерди жөө таштагандагы чыгарган күүң «Көл-Камышты» чертип койчу» (Токомбаев Ш. Көл-Камыш. Кыргызстан маданияты, 1967, 8-сентябрь.) деген экен.

Биз автордун «Көл-Камышынан» адамды-адам эзген доордогу башынан өткөргөн кайгылуу турмушун, асыл махабатын, Бошкойдун ач көздүгүн элестетебиз.

Муратаалы «Камбаркан», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама», «Кара өзгөй» сыяктуу салт жана башка жанрлардагы күүлөрдү чыгаруу менен бирге комуз музыкасында «Күү» деген ат менен ондогон түрлөрүн аткарган. Алардын көпчүлүгү чыгарган ысымы менен «Гүлпардын күүсү», «Мендирман күүсү», «Мендирмандын гүл жарым деген күүсү», «Турап сурнайчынын күүсү», «Күрөңк өй сурнайчынын күүсү», «Айданын күүсү», «Таймаса деген аялдын күүсү», «Табылдынын күүсү» деп аталган. Мындай авторлорунун ысымдары айтылып (балан чанын күүсү, түкүнчөнүн күүсү делинип) чертилген чыгармалардын көпчүлүгү программалуу келип, тарыхтары чечмеленип (айтылып) да аткарылган. Муратаалы көптөгөн салт күүлөрдү чертүү менен бирге «Насыйкат», «Такмаза», «Токмок менен Пишпектин эки булбулу», «Кожожаш»,

«Бердикожо», «Толгонайдын селкинчек», «Жорго байтал кырылгы», «Терс аркак» аттуу ж. б. элдик жана ар кыл мезгилде жашап өткөн шайырлардын да күүлөрүн аткарган. Аларды да Мурат аалы аткаруучу катарында ажарларын ача, маңыздарын байы та черткен.

Муратаалынын улуу музыканттыгы, укмуштуу устаттыгы комузда гана эмес, кыл кыякта да көрүнгөн. Ал байыркы жөнөкөй аспаптын бирден бир калкка кеңири жайылтуучусу жана негиз са луучусу болгон.

Бизге жеткен кыл кыякчылардын ичинен Муратаалыга эч бир шайыр тең келе да жана алдыга чыга да алган эмес. Муратаалынын кыл кыякчы катары атагы он сегиз, он тогуз жаштардын аралыгында элге кеңири тарайт. Табигый зээн дүүлүккө мол Муратаалы, комузду кандай эркин чертсе, кыл кыякты да «кудум адам сүйлөп» жаткандай устаттыкта тартат. Абалтан добушу адамдын кептик интонациясы менен үндөшкөн байыркы аспапта Муратаалы адамдардын ар кандай турмуштарын, согуштагы жүрүштөрүн, көпчүлүк эл катышкан салтанаттарды, табигаттын сулуулугун сүрөттөгөн күүлөрдү тарткан. Ошону менен бирге ал ар түркүн курактагы адамдардын, жан-жаныбарлардын, айбанаттардын үндөрүн, түрдүү кыймылдарын ж. б. туураган күүлөрдү аткарган. Муратаалы кыл кыяктын чыныгысын чыгара ойноо үчүн алгач жөнөкөй элдик обондорду атайын кыл кыякка салган. Маселен, «Кулпенде», «Бекбекей», «Жылкычынын шырылдаң», «Бешик ыры», «Күйгөн», «Кошок», «Кыз оюн», «Акый-акыйнек», «Алым сабак», «Селкинчек» аттуу ж. б. Булардын ар биринин обону сөзү менен калк арасында кандай ырдалса, Муратаалы кыл кыякта дал ошондой «ырдалып» жаткандай көркөмдүктө тарткан. Маселен, «Кулпенде» обонунда мелүүн жүрүштө ак урган дубананын үнүн, кебете-кешпирин, «Бекбекейде» айлуу түндү сүрөттөгөн аспаптык киришме мен ен баштап келип, короо кайтарган кыз-келиндердин «бекбекейлеп» обон созгондорун кайырса, «Кошокто» жүрөгү күйүткө баткан кемпирдин ботодой боздоп кошконун муңканта тарткан. Ал эми «Жылкы чынын шырылдаңында» жигиттердин ар түрдүү үн менен «шырылдаңды» айтканы, «Бешик ырында» жаңыдан жарык дүйнөгө көз жарган наристесин ак бешикке бөлөп, жалбара терметкен сүйүктүү эненин мээримдүүлүгүн, «Акыйнекте» эки топко бөлүнүшүп алып, бирин бири акыйлашып айтышкан кыздардын үндөрүн, жаштар арасында кеңири тараган «Кыз оюнунда» – үйлөнүүчү кызга күйөөлөп барышкан күйөө менен күйөө жолдоштун атайы үй бошотуп, бойго жеткен кыздар менен жаш келиндерди боз үйдүн эпчи, ырчы, шайыр боз уландарды төр жагына отургузуп ыр ырдатып, токмок (күйөө жолдош белине курчалган курун токмок кылып эшип алып, оюн башкарган келиндин колуна берет. Ал токмокту топтолушуп отурган кыз-келиндин аркасына таштайт) салган шаан-шөкөттү. Ал эми кеңири обондогу «Күйгөндө» – жүрөктүн эркеси болгон жаш селкиге жете албай күйүп-бышкан боз уландын зарын, «Алым сабакта» эки ак таңдай ырчынын бири-бирин жеңише алышпай, ыр берметтерин нөшөрлөтө төгүшкөнүн туурап тарткан. Муратаалы эзелки обондорду кыл кыякка салуу менен бирге аларга өлбөс өмүрдү жараткан. Айтылуу кыл кыякчы обон күүлөрдү аткаруу менен бирге «Ак баланын чаржайыт», «Супай салып таң атты», «Турбайсыңбы, адамдар», «Сары көбөн аттаным», «Кара чокунун ак бөкөн», «Байкожонун чаржайыт» аттуу ж. б. программалуу күүлөрдү да аткарган. Булардын ар биринде да турмуштук окуялар камтылып, алар аспапта тууралып тартылган. Муратаалы темир комуздун, чоордун, комуздун чакан күүлөрүн да кыл кыякта келтире аткарган. Маселен «Ботой», «Ак кочкор Каңкы», «Шырдакбектин боз жорго», «Кыяктын кара өзгөйү», «Стамдын журту Анжиян калкы», «Керме тоо», «Төрөкелдинин айтканынын дурусу» ж. б. Буларды да Мура таалы кыл кыяктын кудуретине, мүмкүнчүлүгүнө жараша көркөмдөп, ойлоруна ой кошуп, кайрууларына кайрыктарды улап тарткан. Ал ар бир күүнү кыл кыякка ылайыктап аткарса да чоордун, темир комуздун тембрин (түсүн) өчүрбөстөн сактаган. «Кыяктын кербез күүсү», «Маалим күү», «Калмак күү», «Бий күүсү», «Чоор күүсү» «Касыкенин арман күү», «Күрөңкөйдүн арман күү» ж.б. аттуу чыгармаларды да тарткан. Алардын көпчүлүгү программасыз келген.

Муратаалынын элдик обондорду, шайырлардын лирикалык, баатырдык, тарыхый күүлөрүн кыл кыякта аткарышы, иштеп чыгышы өз алдынча күү чыгарууга уютку болот. Ал кыл кыяк күүлөрүнүн ондогон классикалык программалуу чыгармаларын жаратат. Алард ын ичинен автордун «Керөзөн», «Кош кайруу» («Кош кайрык»), «Байге», «Ат кетти», «Ак токту», «Ат чубатуу», «Ат келет», «Түнкү күзөт», «Ураан», «Кечки жайлоодо», «Бекташ», «Тору кашка ат кокуй», «Жүрүш күү», «Олжо», «Сатыке» аттуу чыгармаларды элдик музыкабыздын кенчине айлантты.

Жалпы эле кыл кыяк күүлөрүнүн ичинен Муратаалынын «Кечки жайлоодо» аттуу программалуу күүсү бөтөнчө көркөмдүүлүгү, өзгөчө маңыздуулугу менен айырм аланат. Автордун бул чыгармасы бири-бирин жетектеген «Чоор күү», «Биздин үндү уккула», «Коңур ала», «Бекбекей», «Ызы-чуу», «Кемпирдин кыйкырыгы» деген жалпы бир мазмундагы алты чакан миниат юрадан турат. Кээде алардын ар бири өз алдынча чыгарма катарында калк арасында аткарылган. Автордун бул чоң музыкалык инсценировкасынын алгачкы бөлүмүнө кечки жайлоонун сулуулугун жана бейпилчиликти сүрөттөгөн ылдам жүрүштөгү чоор күүсү менен башталат. Андай чакан музыкалык сүрөттөмөнү (киришүүнү) короо кайтарган кыздардын шаңдуу, шайыр ырдагандарын, «Биздин үндү уккула» деген экинчи күү улайт. Аңгыча жылкычынын «Коңур ала» аттуу чоор күүсү сыбызгыйт. Ал өтө эле жай жана кеңири жүрүштө тартылат. Бул созулмалуу күүнү жүрөктүн түпкүр үнөн кайнап чыккан байыркы «Бекбекей» ыры коштоп, алда кайда каалгыйт. Ушундай шаңдуу обонду, шайыр күүнү жайлоодогу мээрман бейкутчулукту короого кол салган карышкыр бузат. Алиги заматта күүнүн бүткүл маңызы, жүрүшү түп-тамырынан бери өзгөрөт да, кыякта койлордун карышкырды көргөн кездеги дыркырап үрккөндөрү, кашабаңдын аларды жара тартканы, акырында элди көрүп, койду бөктөрө качканы, ага жетпей калган уланкыздардын өкүнүчтүү кайрыктарын (ызы-чууларын) туурайт. Акырында (алтынчы бөлүмүндө) жалгыз токтусун карышкырга жегизген кемпирдин кей иштүү кыйкырыгы, шолоктоп ыйлаганы тартылат. Бул турмуштук сюжет күүдө жумшак, назик тондо, ал эми «драмалык» эпизоддору кемпирдин кыйк ырыгы, карышкырдын короодогу койлорго тийгендеги ызы-чуусу, элдик юмор, какшык түрүндө берилген. Муратаалы бул чыгармасын кээде «Түнкү күзөт» деген ат менен аткарган. Автор дун бул күүсүнөн да пейзажды сүрөттөгөнү, ар түрдүү добуштарды, кыймыл-аракеттерди, үндөрдү туураганын туябыз. Ошону менен бирге театралдык элементтерди да көрөбүз. Автордун бул чыгармасы өзүнүн маңызынын кызыктуулугу, баалуулугу, сюжеттүү лүгү, музыкалык «сюитага» тектештүүлүгү менен элдик-музыкалык чыгармачылыгыбыздын классикасына айланды.

Кыргыздын кыл кыякчыларынын арасына «Байге» аттуу күүлөрдү тартуу, чыгаруу салт катарында тараган. Аны ар бир колуна кыяк кармаган шайырлардын бардыгы зор чыгармачылык эргүү менен куштарлана аткарышкан. Муратаалы да башка шайырлардай эле өзүнүн «Байге» аттуу күүсүн чыгарган. Анда элдик улуттук оюн ат чабыш баяндалган. Залкар шайырдын «Байге» күүсү – «Ат чубатуу», «Ат кетти», «Ат келет» деген чакан бөлүмдөрдөн турат.

Муратаалынын угуучулар арасында терең кадырлоо менен аткарылган күүсүнүн бири – «Керөзөн». СССРдин Эл артисти А. Малдыбаевдин айтымына караганда бул күүдө Сары өзөн кең Чүйдүн күзгү бышыкчылык мезгилиндеги кооздугу, көрүнүшү (келбети) сүрөттөлгөн. «Керөзөндүн» өзөгүнө (обонуна) болсо автор сурнайдын күүсүн алган. Анын тембри да кыякта толук сакталган. Күүдөн бирде эпикалык, бирде лирикалык, бирде согуштук образдарды эске салган кайрыктарды да эшитебиз. Муратаалынын «Керөзөнүнө» жалпы музыкалык түзүлүшү, мүнөзү жактары менен тектеше кеткен күүсүнүн бири – «Ураан». Автордун айтып кеткенине караганда ал ар дайым элдик чоң ат чабыштардын алдында күлүк чапкандарды, күйөрмандардын, сүрөөчүлөрдүн көңүлдөрүн көтөрүү үчүн тарт кан. Ошону менен бирге күлүктөрүн ураалап сүрөгөндөрдүн күйүп-бышканын кайрыктарында камтыган. Ал эми «Жүрүш күүсүндө» автор аргымагын алкынта минип, ай-талааны жаңырта ырд аганын баяндаган. Бул чыгарма өтө кеңири (кеңириликте) жана темпераменттүүлүктө аткарылат. Күүнүн кайрыктарынын ритмикалык кыймылдарынан аргымактын басыгы ээсинин салтанаттуу ыры менен айкалышат. Муратаалы ар түрдүү мазмундагы, ар кандай музыкалык темадагы «Калчаке», «Сатыке», «Олжо» өңдүү байыркы элдик күүлөрдүн да ажарларын ача тарткан.

Залкар шайыр комуз чертип, кыл кыяк тартуу менен бирге жаш кезинде чоорду ал уккандар таң калгандай устаттыкта ойногон. Бирок ал кийин карылыгына байланыштуу (оозунан тиши түшкөндөн кийин) чоорду тартпай калган. Ошол себептен бизге Мукеңдин аткаруусунда чоор күүлөрү келип жеткен жок. Алар тек гана комузга, кыл кыякка салынып, элге тартууланган. Муратаалы комуз, кыл кыяк, чоордо ойноо менен, казак домбурасын да тарткан. Ал жаштайынан бир боорд ош казактардын айылдарын аралап, өнөрлөрүн тартуулайт. Айрым шайырлары менен өлөң айтышып, өнөр күчүн да сынашат. Ал эми кыргыз, казак элдерине тең ырчы Жамбул менен жан бирге дос болгон. Эки шайыр абалтан жайлоону бирге жайлашкан, бир булактан суу ичишкен эки калктын эрмеги болушат. Муратаалы казак айылдарын кыдыруу менен бирге домбура тартканды үйрөнөт. Анда Муратаалы «Майкөттүн кара күүсү», «Кожотайдын кара күүсү», «Кулматтын кара күүсү», «Жамбулдун кара күүсү» деген аткарууга оор, татаал кайрыктагы күүлөрдү аткарган. Ошону менен бирге эски обончулардын обондорун да карандай күүгө айланта чертип, калк черин жазган. Айрыкча Мукеңдин домбурачылыгы «Майрыкожо обону», «Тезек төрөнүн обону», «Кулманбеттин обону», «Майкөттүн обону», «Сүйүнбайдын обону», «Кожотайдын обону», «Боронбайдын обону», «Кенендин обону», «Мыкандын обону» деген калк кастарына айланган чыгармалар да көрүнгөн. Муратаалы булардын кай бирлерин кара күү катарында тартса, кээсин ырдап да аткарган.

Адатта ар бир шайыр өзүнүн аспабын, өзү каалаганындай кооздукта, көлөмдө чаап алган. Муратаалы да өз комузун, кыл кыягын, чоорун өзү жасап алган. Ал турсун Мукең бир эле аспаптын өзүнөн экинчи дагы бир музыкалык аспапты (домбураны) чаап алып черткен. Аны Мукең комуз-домбура деп атап, бир эле мезгилде кыргыз, казак күүлөрүн черткен. «…үч кылдуу, – деп жазган композитор А.Малдыбаев – өз комузунун арткы бетин беренелүү эки кылдуу домбура кылып чертип жүргөнүн өз көзүм көргөм. Чынында Мура таалы комузда, «Көк сандал», «Шыңгырама» өңдүү күүлөрдү чертсе, алиги заматта казактын чоң домбурачы, акындары Кенендин, Кожотайдын, Кушайбектин, Жамбулдун обон, күүлөрүн аткарган».

Муратаалы казак домбурасын чаап алуу, күүлөрүн тартуу менен бирдикте (адатта, домбурада күү тартканда дайыма аткаруучунун кылдарды баскан манжалары жүгүртүлүп турат) комузда кол жүгүртүп, чертүү үчүн атайын «Терме камбаркан» деген күү чыгарат. Автор бул чыгармасында домбурадагы ыкмалар, штрихтер, оң колдун кылдарды кагуу (чертүү), сол колдун манжаларынын кыл дарды кыдыртып басуу өңдүү ой ноонун ж. б. сырларын кеңири пайдаланат. Биз бул жерден Мукеңин комуз күүлөрүн боордош элдердин музыкасы менен байыт ууга, карым-катнаштын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөнүн байкайбыз.

Муратаалы элдик байыркы күүлөрдүн жандуу энциклопедиясы болгон. Ал өзү:

«Өзүңдү сыйлаганды сыйлап жүрдүм. Манаптар башка ээ кылбай күлдүң. Сондо да Мутакеңде жазык барбы, эки жүз элүү жыл болгон күүлөрдү жыйнап жүрдүм» дегендей эң байыркы күүлөрдүн кооз үлгүлөрүн калк арасынан угуп, көкүрөгүнө жаттап, өнүктүрүп келген. Муратаалынын репертуарындагы «эки жүз элүү жыл болгон» күүлөр да тек гана музыкалык мазмуну эмес жанрдык жагынан да ар түрдүү болгон. Элдик обондордун тамырларынан өнүп чыккан миниатюралардан тартып, турмуш-тиричилик сюжетиндеги программалуу, эпикалык, тарыхый жана тарыхый-турмуштук мүнөздөгү күүлөр ээлеген.

Табигат Муратаалыга шыкты мол берген. Ал комуз чертүү, кыл кыяк, чоор, домбура тартуу менен бирге, элдик кенже эпосторду айткан. Ар түрдүү калк ырларын да комуздун, кыл кыяктын, домбуранын коштоосунда ырдаган. Ал турсун терме, насыят, үлгү ж. б. темадагы ырларды төкмөлөп чыгарган. Айрым чоң акындар менен да айтышка түшкөн. Муратаалы кыргыз, казактын тарыхы жөнүндө жана ар түрдүү санжыраларды өтө көп билген. Ал булар тууралуу кийинчерээк, «Теке-түрк» деген элден чыккан «Алпамыш баатырды», «Муңдук-Зарлыкты», «Кыз Дарыйканы» ырдай баштайт.

Муратаалы Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы өлкөдөгү ар кандай жаңылыктарды, улуу өзгөрүштөрдү сезимталдуулук ме нен кабылдады. Ал айыл, шаар арасына советтик жаңы маданияттын үлгүлөрүнүн алгачкы жайылтуучуларынан жана уюштуруучуларынан болду. Залкар музыкант кыргыздын элдик ырчылары мен ен комузчуларынын ичинен биринчи жолу 1922-жылы Каракол (Пржевальск) шаарында комузчулар ансамблин уюштурат. Анын чыгармачылык демилгелүүлүгү баштагыдан күч алат. «Октябрь революциясынан кийин,– деп жазган өзүнүн өмүр баянына, – мен музыкага баштагыдан да өткөрө көп кызыга баштадым. Менин чыгарг ан күүлөрүмдүн көпчүлүгү өткөн өмүрүмдөгүдөй тек гана кайгылуу эмес, эркиндикке чыккан кыргыз элинин кубанычтуу (шаттуу) турмушун чагылдырдым…» Чындыгында эле өзү жазгандай Мукең дин бүткүл чыгармачылыгы, чыгарган күүлөрү жаңы советтик доорго, анын күжүрмөн куруучуларына багышталды. Муратаалы ар түрдүү кечелерге, белгилүү коомдук окуяларга, даталарга арналган салтанаттарга көбүрөөк катышып, күүлөрүн тартуулайт.

1928-жылдын күз айларында атактуу музыковед-этно граф А.В. Затаевич Фрунзеге кыргыздын музыкалык фольклорун жазып алууга келгенде, Муратаалы борбор шаарыбызга биринчилерден чакыртылат. Ал бейтааныш музыкантты алгачкы жолу кыргыздын аспаптык музыкасынын кооз үлгүлөрү менен тааныштырат. Муратаалынын бай репертуары аткаруучулук чеберчилиги ж.б. жагы А.Затаевичти таң калтырган. Ошону менен бирге ал залкар музыканттын чыгармаларын нотага түшүрөт. Айтылуу музыковед кыргыздын аспаптык музыкасы жана Муратаалынын чыгармачылыгы менен алгачкы жолу таанышып отурса да, анын күүлөрүн так нотага түшүрүүгө, ар биринин тарыхтарын эл ичинде айтылгандай (сакталып келгендей) автордун өзүнүн баян дап бергендерин жазып алууга бүткүл күч-кубатын жумшаган. Ошону менен бирге ал советтик көрүнүктүү өнөр чеберлеринин (музыковеддеринин) ичинен биринчи жолу Муратаалынын жана жалпы эле элдик аспаптык музыкабызга туура баа берген. А.Затаевич Муратаалы элдик музыканын казынасына кошо турган эң негизги салымдарынын өтө баалуусу, көрүнүктүүсү, оригиналдуусу экенин жана башкалардыкына окшобогон, өзүнчө музыкалык маданияттын үлгүлөрүн өзүнө сиңирген, жупуну аспаптын табигый өзгөчөлүктөрүн көп кырдуу жана ар түрдүү пайдалана билген, кээде анчалык чоң эмес татынакай кайруулар менен олуттуу мазмунду түзгөн, кубулжуган кайрыктарга бай залкар күүлөрдү өтө көп биле турганын айтып келип: «Бир сөз менен айтканда, карыя Муратаалы музыкалык таланттуулуктун чыныгы «кенчи» тажрыйба менен билимдүүлүктүн, типтүүлүктүн, так айт канда, бардыгын топтоштурган кыргыз музыкасынын өкүлү» – деп суктана жазган. Ал тургай анын байкагычтыгына, келбеттүүлүгүнө, акылдуулугуна элдик юмор менен терең жабдылганына, от жанган көзүнө, нурлуу жүзүнө, бай репертуарынын жаркырап чагылышып турганына да таң калган. А. Затаевич Муратаалынын өзүнүн аткаруусунан комуздун, кыл кыяктын элүү күүсүн нотага түшүрөт. Музыковед булардын ар бирине музыкалык мүнөздөмө берип, кыскача талдоолорго алган.

Муратаалы 1928-жылы борбор шаарыбыздан Токтогул, Жолой ж. б. шайырлар менен да жолугушат. Ал Токоң менен маңдай-тескей отуруп күү чертишип, ыр ырдашып, элдик дастандарды айтышып, кеңири пикир алышат. Муратаалы Токоңдун ырчылыгына, комузчулугуна, куудулдугуна, айтуучулугуна таңданат. Ал эми Токоң болсо Муратаалынын кыл кыякты «адамдай сүйлөтүп» тартканына, элдик улама, санжы ра, тарыхты, калк күүлөрүн көп билгендигине, өзгөчө комузчулугуна та таал кайрыктагы залкар күүлөрдү укмуштуудай устаттыкта черткенине таазим этип: «Эски күүлөрдү калыбында черткенге мындай киши табылбайт» – деп баа берет.

1932-жылы Муратаалы борбор шаарыбыздагы Кыргыз драма театрында иштөөгө чакыртылат. Атактуу элдик шайыр лар, про фессионалдык театралдык, музыкалык ж.б. өнөрлө рү бүздүн тунгуч түзүүчүлөрү (карлыгачтары) менен таанышат. Театрдын коллективи менен республикабыздын айыл-кыштактарын кыдырып, концерттерди берет. Жаңы доорубузду куруп жаткан эмгек балбандарын эрдикке үгүттөп, улуу жеңиштерге чакырган чыгармаларды тартуулайт. Ал өлкөбүздөгү укмуштай өзгөрүштөрдү өз көзү менен көрүп, көңүлү толкуйт.

1934-жылы Муратаалынын өзүнүн аткаруусунда бир топ күүлөрү Москвада чыгуучу граммпластинкага жазылат. Ал табактардын (граммпластинкалардын) калкка тартууланышы да Муратаалынын ысымын көп улуттуу элибиздин арасына тарашына да жол ачат.

1935-жылы кыргыздын жаңыдан төрөлгөн профессионалдык теа тралдык, музыкалык, өзгөчө элдик музыкасы үчүн унутулгус жыл болду. Анткени ушул жылдын 22-декабрындагы Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин токтому боюнча, Муратаалы баштаган элдик шайырларыбызга атактуу наамдар ыйгарылат. Муратаалыга 60 жылдык чыгармачылыгы, комузда, кыл кыякта, чоордо мыкты ойногондугу, ондогон күүлөрдү чыгаргандыгы, калк арасына жайылтк андыгы үчүн кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу республикабыздын Эл артисти деген ардактуу наам берилет. Бул болсо карыя музыкантты баштагыдан дагы демдүүлүктө, кайрадан жаңы төрөлгөндөй, ташкындаган чыгармачылык жалын менен иштөөгө шыктандырат.

Айрыкча Муратаалынын СССРдин Композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынышын, Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө, аспаптарда ойноочулардын Бүткүлсоюздук биринчи кароосуна катышышы, декадада М. Калининдин колунан Эмгек Кызыл Туу орденин алышы, анын алдына жаңы талаптарды, дагы жаңы максаттарды коёт. Ал жеке, элдик күүлөрдү гана аткаруу менен чектелбестен, өзүнүн замандаштары Сырт байдын, Атайдын, Мусанын ж.б. ондогон обондорун комузга, кыл кыякка салат. Алсак, Мукең «Арпанын Ала-Тоос унан», «Сыртбайдын обону», «Ой, тобо», «Шамшылыктын обону», «Жөнөкөй обон», «Зулайканын ыры» деген ырлардын обондорун карандай гана аспапка салып, айрымдар ына кайрууларды кошуп, көркөмдөп чертет. Айрыкча, ал кыздарга таандык обондордун өзүнчө бир циклдарын атайын иштеп чыгат. Алсак, «Боз бала менен кыздын обондору», «Сейнеп деген кыздын обону», «Өгөбайдын Багалаң деген кызынын обону», «Капийсанын обону», «Агатайдын Салый деген кызынын обону», «Туткабайдын кызы Канымдын обон у», «Ынтай деген кыздын обону», «Жетим кыздын обону» деген ж. б. обондорду да иштеп чыгат. Булардан биз Улуу Октябрь революциясына чейин сатса пулсуз, өлсө кунсуз абалда жашаган кыздардын армандуу турмуштары камтылганын туябыз. Башка шайырлардай эле Муратаалы да түрдүү жанрдагы ар бир күүсүн же обонун черткенде, кайрыктар ына аздыр-көптүр өзгөртүүлөрдү кошуп, улап, кынаптап, кооздоп аткарган. Ал өзүнүн көп жылдык чыгармачылык тажрыйбасына таяна отуруп: «Мен күүнүн авторумун деп мактана албайм, жалпы кыргыз күүлөрүнүн автору, кыргыз элинин өзү болуп эсептелет. Азыркы чертилип жүргөн күүлөрдүн авторлору болгон менен алар да ошону бүт чыгарган эмес. Ар бир комузчу үйрөнгөн күүлөрүн өзүнчө жасап, аягына улам-улам турмуштун агымына жараша өзгөртүп улады, кошту, мен да кошкомун, өзгөрткөнмүн» деген эң бир калыс, эң бир туура ойду айткан.

Карыя музыкант кыргыз филармониясында 1945-жылга чейин иштеп, кадырлуу эс алууга чыгат. Республикабыздын бүткүл коомчулугу 1945-жылдын 26-майында Муратаалынын 85 жашка чыкканын жана чыгармачылыгына 70 жыл толгондугун кеңири белгилешет. Өкмөт менен партиябыз Муратаалынын кыргыздын музыкалык маданиятын өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгегин өтө жогору баалап, Ле нин ордени менен сыйлайт. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Указы менен Фрунзедеги музыкалыкхореографиялык окуу жайына Мура таалынын ысымы берилет. Ошону менен бирге ал окуу жайынын студентт ери үчүн Муратаалы Күрөңкөев атындагы 300 (азыркыча 30) сомдук стипендия да белгиленет.

Мына ушундай калк сыймыгына айланган Муратаалы комуз менен кыл кыякты өлөр-өлгөнчө колунан түшүрбөй, аларды кыңгыратып отурбаса, чечекейи чеч болгон эмес. «Конокко барганда же бир жакка кеткенде – деп айткан ал өзү жөнүндө – комузум менен кыягымды үйгө таштап кетсем, жаным кейип калат. Колумдун учтары болсо комуздун кылдарын издегенсий берет». Муратаа лынын бул айткан сөздөрүн өн байыркы эки аспапты өткөрө сүйгөнүн, өзгөчө ардактаганын туябыз. Айрыкча, анын комузсуз күнү өтпөгөнүнө да күбөдөр болобуз. Мына ушундай өз өнөрүнө бүткүл дили, бүтүндөй жүрөгү менен берилүүнүн аркасында, Мукеңдин өздүк репертуары ар кандай жанрлардагы, түрлөрдөгү күүлөргө бай болгон. Ал Карамолдо, Чалагыз, Ыбырайларды жаштайынан комузчулук өнөргө үндөктөп, кийин Калык, Алымкул, Сайид, Асылбек ж. б. «Мен карып кеттим, күүлөрүмдү үйрөнүп, үлгүмдү алып, менин сөзүмдү эсиңерден чыгарбай жүргүлө, жетимдерим. Бул Муратаалынын күүсү деп элге айтып черте жүргүлө» – деп, күүлөрүн үйрөтүп, акыл-насааттарын айткан. Муратаалы токсон жашка бар са да, өз өнөрүнө жалакайлык кылбайт. Тескерисинче, дайым барган жеринде элдин каалашынча комузун чертип, кыягын тартып, таңды аппак атырат.

1949-жылдын 12-январында Муратаалы дүйнөдөн кайт ты. Акыркы жашаган айылына Муратаалы Күрөңкөевдин ысымы берилет. Ал эми өтө сөзмөр, элпек, адамдын көңүлүн кубантып сүйлөгөн кичи пейил, эч кимдин көңүлүн оорутпаган алп музыкант Муратаалы нын элеси, классикалык күүлөрү калк арасында күнү бүгүнкүдөй жашоосун улантууда. Муратаалынын аткаруусундагы ондогон элдик жана классикалык күүлөрү жаш кыргыз совет профессионалдык музыкасынын бардык жанрларынын төрөлүшүнө, телчигишине, калыптанышына зор роль ойноду.

Балбай АЛАГУШОВ

КАРАМОЛДО

Дүйнөлүк музыканын тарыхына үңүлсөк ар элдин атын чыгарган жана ошол эл өмүр бою сыймыктануу менен айта жүрчү П.И.Чайковский, М.И. Глинка, Л.В. Бетховен, В.А. Моцарт, Н.Паганини, Ф.Лист, И.Гайдн, Ф.Шопен, А.И.Хачатурян, Курмангазы өңдүү улуу музыканттары бар экендиги белгилүү. Кыргызда эчак эл сыймыгына айланган, комуздун тилин билип, аспаптын сыйкырдуу үнүн тапкан, башка комузчулардан күүлөрүнүн тереңдиги, кыял чабытынын кенен, аткаруудагы бир катар өздүк артыкчылыктары менен кадимкидей обочолоно көрүнүп, мезгилдин катаал сынынан абийирдүү өткөн күү алпы деп Карамолдо Ороз уулун айтууга болот. Улуу комузчу Ысык-Көлдүн Корумду деген жеринде 1883-жылы туулуп, 1960-жылы көз жумган.

Карамолдонун чыгармачылыгы туурасында композитор К.Молдобасанов: «Ал комуздун бүткүл болгон кудуретин, касиетин пайдалана черткен. Ал тек гана өзүнө мүнөздүү ыкмаларды, штрихтерди алып, таң каларлыктай залкар кайрыктарды таап аткарган. Молдокем күүлөрүн черткенде таза, так, ар кайрыгын калыпка салып койгондой өз орду, өз ою менен бөтөнчө бир коңур, өзгөчө кооздук менен кош дооштонто аткаруучу. Ал такай мазмуну, формасы, айтуучу ою, музыкалык темасы толук бүткөн телегейи тегиз чыгармаларды черт кен.

Молдокемдин көп сандаган чыгармалары бири-биринен мазмундарынын байлыгы, программалуулугу, көркөм каражаттарынын ар түрдүүлүгү, музыкалык темаларды өнүктү рүүдөгү көп түстүүлүгү менен айырмаланган. Молдокемдин ар бир күүсүнөн азыркы симфониялык музыкабыздын элемент терин, формаларын угабыз» – деп жазса (Карамолдо замандаштарынын эскерүүлөрүндө. Түзгөн Б.  Осмонкулов. – Ф., 1987, 41-б.), белгилүү советтик ири музыковед, этнограф А.Затаевич: «Мен өзүм Карамолдонун кенен репертуарындагы «Койчулардын коңур күүсүн» эң мыкты номер деп эсеп тээр элем. Чындыгында эле, жөнөкөй айыл тематикасынын сулуулугу, гармония менен үндөштүрүүнүн мүнөздүүлүгү, баар ынан таң каларлыгы формасынын компакттуулугу жана оригиналдуу эң сонун бүтүшү. Булардын бардыгы ушул бейпил музыкага бириктирилген. Анда өзүнө бекем тартуучу идиллигносттуулук терең сиңген, ошол тартылыш менен ажырагыс болуп бириккен. Ал табият ты, элинин таланттуулугун баяндаган ушул чыгармасынын үзүндүсү менен эле Токтомамбет Орозовдун ысмы Советтер Союзунун элдеринин музыкалык летописине киргени менен сыймыктанта алмакчы» деп (ошондо, 20-б.) Карамолдонун музыканттык табитин союздук атактуу музыканттардын сабына кошот.

Чыгарманын күчтүүлүгү ар адамдын аң-сезимине толук жеткендигинде. Карамолдонун черткен күүлөрү улутуна карабай ар угуучунун жүрөгүнөн орун алган. Ошол себептүү анын терең мазмундуу, симфонияга тете келген салмактуу күүлөрүн кыргыздар сыяктуу эле башка улуттун өкүлдөрү дагы зор канагат алуу менен толкунданып, жыргап угушкан. «Мен анын күүлөрүн уккан сайын Пушкиндин: «Эң сонун нерсе илхамдуу болуу керек» деген акылман сөзүн эсиме түшүрчү элем. Ал ар бир күүдөн көркөмдүк маанини, образдык түзүлүштү издей турган, күүнүн мазмунун төмөндөтпөгөн, угуучуларга оңой жагуу максатында кандайдыр бир ыкманы колдонууга кызыгуучу эмес, кол ойнотуп чертүүгө умтулбай турган. Ал аткаруунун көп ыкмаларын билүүчү, бирок алардын ар бирин өз орду менен колдончу, күүнү көркөмдүк жактан мазмунун терең кылып ачып берүүнү алдына максат кылып коюучу. «Комуз күүсү токтоо жана камералык түрдө угулуп, динамикалык, темптик белгилери боюнча чектен чыгып кетчү эмес. Бул музыканын бир да ыргагын кулактын кырынан кетирбей ыклас коюп угуу гана керек» – деп айтылуу музыковед В.Виноградов анын күүчүлүк өнөрүн тамшануу менен белгилеген. Бул сын пикирлер музыканы майда деталдарына чейин талдай билген профессионал, чы гаан музыка изилдөөчүлөрдүн талдоосу.

Күү өнөрүндө алчыланта кол ойнотулбай, ыр менен коштолбой, бирок чертүүнүн илип чертүү, терип чертүү, калтылдатып чертүү, шартылдата чертүү өңдүү ар кыл ыкмаларын колдонуп, бир калыпта ойлуу чертилген терең мазмундуу күүлөрдү элибизде – «кара күүлөр», же «залкар күүлөр» деп аташкан. Мындай күүлөрдүн Музооке, Арстанбек, Жантакбай, Байгазы, Абак, Кудайберген, Күрөңкөй, Чыңгышбай өңдүү ири өкүлдөрү болгон. Карамолдону ошондой залкар күүлөрдү жетчү кондициясына жеткирген теңдешсизи дешке толук татыктуу. Далилдерге кайрылалы. Абалкы комузчулардын (XIX к.) көрүнүктүү өкүлү Кудайберген Карамолдонун бала чагындагы черткенин угуп, анын келечектүү өнөрүнө чоң маани берип: «Балам, мен уккан комузчулардан сенин бир өзгөчөлүгүң көрүнүп турат. Комузуңдан кандайдыр жагымдуу кош үн чыгат экен. Сен узак кетесиң…» – деп ак батасын берген. (Б.Алагушев. Кылымдардын кылдары. – Ф., 1983, 92-б.)

Элдик залкар күүлөрдүн «энциклопедиясы» аталган, соңку мезгилдеги теңдешсиз делген күүчү Муратаалы Карамолдонун күү черткенин угуп таң калып: «Чылбырың чоё тарттырып калган экен… – деп (ошондо, 5-б.), жарышта озуп келаткан аргымакка салыштырып: «Комуз сени менен кетсин, Карамолдо иним. Ак жолуң ачылсын!» – деп батасын берип, өзгөчөлөнгөн өнөрүнө жол бошотот. Кийин филармонияда чогуу иштей баштаган күндөн тарта кээде гана эл суранычы менен күү чертпесе, кыл кыяк тартканга биротоло өтөт. Бул Муратаалынын өнөрдү баалай, талантты колдой билген нарктуу лугу.

Үчүнчү далил. Карамолдонун комузчулугуна айтылуу Токтогулдун кандайча баа бергендигин акын Т.Үмөталиев мындайча эскерет: «Бир жолу: – Сиз Токтогулду көрдүңүз беле? – деп сурасам: «Көргөм. 1928-жылы А. За таевич деген музыка изилдөөчү Москвадан келип чакыртканда Фрунзеде эки жумадан ашык Током менен бирге болгонмун. Анда азыраак ырдап да койчумун. Бир отурушта «Сынган бугуну» черттим. Током унчукпай кулак төшөп олтурган. Күү чертилип бүткөндө: «Дагы бир күү чертчи» – деп сурап калды. Мен жаштар арасында чертип жүргөн күүлөрдүн бирин ырдап аткардым. Ошондо Током: «Токтомамбет, Кудай сени комуздан айтып, сен комузга жарашып турасың. Ырды мага берип, комузду сен ал!» – десе болобу. Ошентип ошол бөлүштө комузду мага таштап, ырларды Током Кетмен-Төбөгө кайра көтөрүп кеткен. Ырдасам бир акынча ырдай ала турган күчүм бар эле. Ошого карабай, Токомдун сөзүн жерге таштабас үчүн ооз ачпай, күчүмүн баарын колума чыгарып, комуз боорун тырмап калдым» – деди сыйкырлуу комузчу. (Ошондо, 18-б.)

Бул Токтогулдай улуу акын, даанышман сынчы тарабынан Карамолдонун чыгармачылыгына карата көрөгөчтүк менен айтылган сын баа болгон. Эгерде оозунда эми бар Кыдыр аке Ыбырайдын, Токтогул Карамолдонун ырчылыгын өз убагында таштатпаган болсо Ыбырай менен Карамолдодон кандай ырчы чыгат эле ким билет… «Эки ишти бирдей иштеген адам экөөнү тең аткара албайт. Анткени эки коёнду кууган бирөөнө да жетпейт эмеспи»,– деп Эзоп айткандай, экөөнүн тең бар күчүн бир гана комузчулукка багыттагандыктары туура чечим, оңдой берди иш болгондугун тарых өзү таразалап отурат.

Ошентип, Карамолдого чейинки комузчулардын өзөзүнчө гигант, эки күчтүү өкүлү Токтогул менен Муратаалынын Карамолдонун чыгаан өнөрүнө тен берип, жол бошотуп бериши анын теңдешсиз комузчулугун өз учурунда баалай билген айкөлдүк болуу менен бирге, комузчулук өнөрдүн таржымалындагы тарыхый зор окуя болгон экен.

Ниязалы, Токтогул, Атай черткен виртуоздуу стилдеги, бирде ыр коштотуп, колду түркүмдөп ойнотуп чертчү «айтым күүлөрдөн» кишилер комузчунун күүлөрдү аткаруудагы (комузду дене боюн айланткан, колду не бир ойноктоткон, күүгө ыр коштоп кеткен ж. б.) чеберчилигине күбө болуп, көрүп отуруп рахат алышса, «кара күүлөрдөн» муюп угуп отуруп рахат алышат. Экинчиден, ойлуу чертилген залкар күүдө аудиторияны кайсы бир кошумча деталдар менен алаксыткан эч нерсе жок, мында нукура маңызына чыга күү гана ойнолот. Кара күүдө күү чыгаруудагы деңгээли, аткаруудагы өздүк чеберчилиги анык көрүнүп, биринчи кезекте комузчунун өзү эл сынына коюлат.

Кара күүлөрдүн татаалдыгы күү добушунун бирде шаңдуу, бирде драмалуу, бирде кайгылуу тартып этаптан этапка өтүп, угуучулардын жан дүйнөсүн буй кылып ар кыл абалга салган түркүмдөнгөн кайрыктары менен кадимкидей дене-бойду жибитип, ой-кыялга батырып, «кулактан кирип бойду алган» (Абай) сыйкырлуу таасири менен аң-сезимиңди толук ээлеп, сөз аркылуу жеткире алгыс экзотикалуу дүйнөгө алып кирип кеткен көп пландуу, музыкалык масштабдуулугу арымдуу, тереңдиг инде.

Эрудициясы күчтүү, таанып билүүсү артык Саякбай Карамолдонун гипноз-музыканттык жайын мындайча эскерет: «Залкар күүлөрдү «Ибарат» менен «Насыйкатты» аткарганда жан дүйнөмө от коюлгандай алоолонуп, делебем козголуп, жыргалга батчумун. Ал эми албан кайрыктардагы «Алым сабак» менен «Чаржайыт ботоюн» черткенде өзүмдү Манас менен бирге чоң кошунга кирип бара жаткандай элестетээр элем. Молдокемдин комузунун үнү да башка шайырлардын аспаптарына такыр окшошпогон кош добуштуу, өткөрө коңур, өзгөчө мукамдуу эле. Анткени ал аспабынын кылдарын басканда беш манжасынан беш бөлөк, не бир кубулжуган добуш чыгуучу. Ушунча жашка чыкканы Молдокемдей комуздун тилин билип, күүнүн кереметин тапкан шайырды жолуктурбадым». (Ошондо, 10-б.)

Күүнү түшүнгөн киши кайрылуусуна шолоктоп ыйласа, шаңдуусунан шаттыкка бата, денеси балкып, б.а., «кара күүлөрдүн» ар биринин маани-маңызы улуу дастанга тете. Ошондуктан булар «залкар күүлөр» аталат.

Карамолдо кандай себептен улам даңазасы күчтүү күү алпына айланды? Буга, ошол чыгармачыл адамдын кандай жерди мекендеп, кандай чөйрөдөн таалим-тарбия алып өскөндүгү да сөзсүз мүлдө натыйжасын берет.

Ысык-Көл бекеринен «ыйык көл», Борбордук Азиянын бермети деп аталбайт. Каркырадай жайлоосу бар, эчен бир кереметтүү жерлерин, жайыт-төрлөрүн, жалаң эле көлдүн мөл сулуулугу туурасында өзүнчө кеңири сөз кылууга болор эле. Башкасын айтпаганда да легендарлуу манасчы Келдибек, Акылбек, Тыныбек, Чоюке, Сагынбай, Саякбай, Жоошбай куу дул, темир комузчу Бурулча, Тилекмат, Сарт, Садыр, Кыдыр акелер, Чыңгышбай, Байкабыл, Ыбырай, Чалагыз комузчу, коомдук ишмер Ж.Абдыракманов, кыргыздын Гипократы И.Ахунбаев, Касым, Сыдык, Мукай, Жусуп, Түгөлбай, Касымалы, Хусейин ж. б. эмне деген улуу адамдар. Ушулардын баарысынын туулган мекени ыйык Көл. Демек, Карамолдонун тегин эмес адам болуп калышы Көлгө да байланыштуу…

Комузчунун алгачкы таалимчиси – атасы Ороз болгон. Комузду таза чертип калышына Көл, Нарын, Чүй өрөөнүндөгү белгилүү комузчулардын кыйла көмөгү тийген.

Карамолдо, Каптагай, Орозакун, Чалагыз.

Бул төртөөбүз баш кошсок,

Күүдөн акыл табабыз –деп айтылып жүргөн бул айылдаштардын өзүлөрүнүн чыгарган ыры бар. Комузду чогуу черте башташса да булардын ичинен алдыга Карамолдо чыккан. «Чымырканган эмгек болбой талант да, гений да жаралбайт» деген Д. Менделеев. Карамолдонун дагы дүңү чоң комузчулардан болуп чыгышы баарыдан мурда өзүнүн комуздун сырын таба, ыгын биле, көкмелтейлик менен көшөрө изденген талыкпаган эмгегинин натыйжасы. Карамолдонун уламышталган даңазасы 1916-жылкы Үркүн маалында Кытай жергесине чейин тараган. (Б.Алагушовдун эскерүүсү. Аталган китепте, 86-б.) Карамолдо туурасында жазылган бардык маалыматтарга таянганда ал 25–30 жаштарында өзү көрүп-билген, улуу-кичүү, өзүнө замандаш комузчулардан күү чыгаруу дагы артыкчылыгы, черте билүүдөгү чеберчилиги менен кыйла озуп кеткен. Анын күүчүлүк өнөрүнүн калыптанган мезгили деле ушул учурга туура келет. Бул жөнүндө Чалагыз: «Карамолдо күүлөрүн арбытып, элге даңкы жайылды. Темировка эмес, Көл айланасына белгилүү комузчу болду. Ки йинчерээк Карамолдонун даңкынан, күүсүнүн шаңынан сүрдөп бетине комузчу чыкпагандыгын жазат». (Ошондо, 5-б.) Чалагыз ал түгүл Карамолдону «устатым» деп эсептеген.

Ошентип ал деле башка комузчулар сыяктуу күү үйрөнүү, такшалып тажрыйба топтоо, өз алдынча чеберчилик күтүп калыптануу өңдүү, бул өнөрдүн бардык этаптарын басып өткөн. Алгач ал күүнү бузбай кантип так, таза чертүүнү гана үйрөнгөн. Эрки абдан күчтүү, өзү идиректүү болгондуктан комузга бүт ыкласын коюп, бара-бара элде башта чертилип жүргөн «Сынган бугу», «Көкөй кести», «Ибарат» өңдүү аз кайрыктуу күүлөргө тематикасына жараша алардын зоболосун көтөрүп кетчү мазмунга бай, салабаттуу кайрыктарды жамап калдайган чоң күүлөрдүн катарына кошкон. Ушул эле «Сынган бугу», «Көкөй кестилерди» Муратаалы да кыйла жаңылап, иштеп чыккан. Бирок Карамолдо бул күүлөрдү алп комузчунун генийинен гана жаралчу классикалык күү кылып салган. Комузчунун комузчудан артыкчылыгы ушундайда билинет. Муратаалы чындыкты сүйлөгөн айжаркын адам үчүн: «Мына бул жетимдер (Чалагызды кошуп атат) «Кербез», «Сынган бугу», «Көкөй кести», «Шыңгырамаларды» узартып кетишти» – деп кайра буларга ыраазы болгон. Ал эми Карамолдо Муратаалыны өмүрү өткөнчө «устатым» деп урматтаган. Кандай гана ыйык адамдар.

Булар бааны, сынды да жан-дили менен туура кабыл алышкан. Осмонкулдун уулу Белек улуу комузчу жөн үндө минтип жазыптыр: «Бул күүнү жаңы чыгардым. Атаң Чалагыз, Ыбырайдан башка эч ким уга элек. Ыбырай гана: «Өтө узартып жиберипсиң, бир-эки кайрыгын кыскартсаң күүң ойдогудай болот го» – деди. Чынын айт сам күү өз оюмдагыдай чыкпай, кайрыктары бири-бирине жиктелишпей, түшүн дүрөйүн деген оюмду чегине жеткире толук түшүндүрө албагандай сезилип жатат. Үч-төрт жылдан берки бассам-турсам жадымдан чыгарбай, бышыктап жүргөн күүм эле. Буюрса жакын арада тушоосун кесип, радиого жаздырып койсомбу дейм. Ыбырай – чоң комузчу. Кайсы күүсүн албагын куюлушуп, сезимиңе бат жетип, жүрөгүңдү кытыгылап, майда-майда обондор бириктирилип жуурулушкандай болуп турат. Ошол себептен анын күүсүн уккандар тез кабыл алышат. Ал эми менин күүлөрүм айтайын деген ойду майдалабай, ойдун жүгүртүлүшүн түпкүрүнөн бери терең камтып түшүндүрөт да, угуучуларга кеңири, толук жеткирет». (Аталган китепте, 131-б.) Эки лөк комузчунун бири-бирине баа, сын бергенин караңыз! Карамолдого сын айтуунун өзү эле эмнени туюндуруп турат…

Эми улуу комузчунун бардык түрдү камтыган классикалык күүлөрүнө келели.

а) Камбаркандар: «Терме камбаркан», «Колхоз камбаркан» ж. б.

б) Кербездер: «Бала кербез», «Жаш кербез», «Чоңкербез» ж. б.

в) Шыңгырамалар: «Зар заман шыңгырама», «Эпкиндүү шыңгырама», «Салтанат шыңгырама» ж. б.

г) Ботойлор: «Айда ботой», «Жумалык ботой», «Чаржайыт ботой» ж. б.

д) Дастан күүлөр: Элдик эпостун негизинде «Каныкейдин арманын» чыгарган.

ж) Толгоо күүлөр: «Сур толгоо», «Кер толгоо», «Жаатолгоо» ж. б.

з) Куйкумдуу күүлөр: «Мас күйөө», «Такмаза».

и) Нускалуу күүлөр: «Ибарат», «Насыйкат», «Ал сабак».

й) Философиялык күүлөр: «Дүнүйө», «Көңүлүм», «Элтилеги – тынчтык» ж. б.

к) Мындан сырткары ар кыл тематикадагы күүлөр бар. Мындай күүлөрдүн сабына: Эне-балага арналган – «Бешик күү», Үркүнгө арналган – «Сыздат», «Жөө калды». Элдик уламыштын негизиндеги – «Сары барпы», Советтик түзүлүштүн жагымдуу маанайын чагылдырган – «Кайра качпа» ж. б. көптөгөн күүлөрүн атоого болот.

Көрүнүп тургандай, Карамолдонун күүлөрү дегеле комуздун абалтадан берки тарыхында кездешкен бардык түр, мазмун, тематиканы камтыйт. Комузчулардын баарында эле мындай артыкчылык боло бербейт. Бул дагы анын кругозорунун терең, репертуарынын көп кырлуу, байлыгын далилдейт.

«Карамолдо кандай комузчу болгон?» деген суроого эл акыны Н.Байтемиров өз учурунда эле таасын жооп берип койгон экен: «Анык комузчу чертип жатканда дем албай, жалаң кулагың эмес бүтүндөй турманың менен угасың, өзүң да кошо комузга, комузчунун колуна, күүсүнө, комузга тагылган үч кылга, анын диркиреген канатына, серпүүсүнө, кайруусуна айланасың. Адамды андай абалга калтырып, анык рахат берерлик комузчу кылымда бир жаралат, жаралат анан кайталанбайт, кайталанса да андан башкача, өз жолу менен чыгат, өз мезгилин, өз элинин оюн, тилек, үмүтүн козгой чыгат. Ошондой комузчунун бири – Карамолдо. Анан ал комуз чертчү. Ал черткен күүнүн жаманы, учкайы, алсызы болчу эмес. Анын айрым күүлөрүнө бүтүндөй өрөөн, бүтүндөй элдин ою батып кетчү, баарына бирдей сүйкүмдүү, бирок ар кимге өзүнчө таасир берчү. Демек, анын күүлөрү ар угуучунун моокумун өзүнчө, бөтөнчө кандырчу. Андан мурун, андан кыйын деген нечендер чыкканына карабастан баарынын шарын жиреп өтүп, аралай чаап келип, өзүнчө бир кылымдын туу чокусуна Карамолдо атыгып туруп калды. Кыргыз үч кыл комузунун атасы дешке татыктуу болду. Өткөндү да, ушул кезди, ал түгүл келечекти да ойго саларлык кереметке айланып туруп калды» (Аталган китепте, 65-б.). Л.Бетховен: «Мен идеяны жаратылыштын ар кыл шоокумунан, түнкү токой тынчтыгынан, таңдын сергек закымынан алам, акындар аны ырга айландырса, мен нотага айландырмайынча жүрө берет» дегендей Карамолдо дагы кыргыз жеринин кымбаттыгын, элдик салт-санаа, көөнө тарыхты, бүткүл талант күчүн жумшап, алардан алган таасирлери менен жууруп туруп комуз кылдарына чөгөрүп кетти.

Кыргыз тарыхын ал бизден да мурда күү менен жазып кеткенге үлгүрдү. Бекеринен Райкан Шүкүрбеков «Биздин терип-тепчип өмүр бою жазган чыгармаларыбыз Карамолдонун бир күүсүнө татыбайт»… дебегендир.

Карамолдонун күүлөрүн өзүнүн аткаруусунда угуу сейрек кездешчү бактылуулук болгондугун Байдылда акын поэзиянын тили менен:

Туугандар, карт комузду сыйлагыла, Тынчтанып Молдокемди тыңдагыла!

Апама ыраазымын бир эмес, миң

Ал мени дүлөй кылбай тууганына –

десе, эл жазуучусу Т.Абдумомунов: «Молдокем тең жарыша сүйлөгөн болбойт. Комузчунун комузунун сүйлөгөнү жакшы» – дечү. Ал комуз чертип жатканда элди карачу эмес, анын көздөрү жалт-жулт этип, комузу экөө айрылгыс болуп биригип, бүт турпаты, ой-санаасы бүтүн бойдон ойнолуп жаткан күүнүн стихиясына чөгүп кетчү. Молдокем өнөрпоз замандаштарын дайыма бийик баалап, өзү туурасында ооз ачпай турган. Анткени менен аны курчап турган топ жылдыздардын ичинен анын жылдызы айрыкча балбылдап, тээ алыстан көрүнүп тураар эле», – дейт. (Аталган китепте, 60-б.). Карамолдо туурасындагы элдин ою да ушундай болгон. Музыковед Б.Алагушов: «Молдокемдин күүлөрүндө симфониялык музыканын элементтери көбүрөөк, өзгөчө күчтүүрөөк, кеңирирээк да өнүккөн. Бул күүлөрдөн дүйнөлүк музыкалык маданияттагыдай теманы түрлөнтүп өнүктүрүү, вариациялоо, рондо мүнөзүндөгү түрмөктөшүүлөрдү, эшилген кыл аркан шекилдүү кульминациялык касиеттерди туябыз. Ал комуз музыкасында болуп көрбөгөндөй жаңы ыкмалар, штрихтер, добуш кооздуктары менен байыткан. Ошондон улам композитор П.Шубин талантына таңдана: «Бул кыргыздын чыныгы «Бахы» дегендигин жазат». Мен эч качан сценада жалгыз болбойм, бири ойноп берсе, экинчиси текшерип турат» деген Ф.И.Шаляпин. Карамолдо да дал ошондой болгон болуу керек… Болбосо мынчалык ийгиликке кайдан жетмек эле.

Карамолдонун күүлөрү тунгуч опера «Айчүрөккө», «Чолпон» балетине, К. Молдобасанов, М.Абдраев, Т.Эрматов, Ж.Малдыбаева ж. б. симфониялык чыгармаларына пайдаланылды. Комузчунун көптөгөн күүлөрүн П.Шубин, С.Ряузов, А.Жумакматов, Э.Жумабаев, Т.Томотоев эл аспаптар оркестри үчүн иштеп чыгышып, экинчи өмүр беришти. Комузчунун алптыгын туюндурган классикалык 33 күүсү Б.Алагушов, Т.Медетов тарабынан нотага түшүрүлүп «Карамолдонун күүлөрү» деген ат менен өзүнчө китеп болуп чыгып, элибиздин түбөлүк кенчине айланды. Залкар комузчу туурасында залкар манасчы

С.Каралаев «Карамолдо» деген кундуу поэма жазып, китеп кылып (1962) чыгарды. Карамолдо туурасында жазылган жыйнактар бар, поэма, ырлар, очерктер, изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор арбын.

  1. Ошентип, Карамолдо кыргыз күүлөрүн бир тепкичке көтөрүп, комуздун бар мүмкүнчүлүгү жетчү чекке жеткире, маани-маңызын артылта, нукура ажарына чыгара черткен чыныгы күү алпы.
  2. Анын күүлөрү кайрыктарына глобалдуу ойлорду камтый алган музыкалык масштабдуулугу, арбын ыкмалар колдонулуп чертилген татаалдыгы, катмарланган кайрыктарынын кош дооштуу өзгөчөлүгү менен артыкчаланып турган, көчмөн элдин шартында – симфонияга тете келген гениалдуу классикалык күүлөр. Айырмасы эле симфониядай оркестр үчүн жазылбастан, комуз менен гана аткары лууга ылайыкталган.
  3. Карамолдо улуу муундагы, ортоңку жана өзүнө замандаш устат комузчулардан, эл тарабынан «теңдешсиз комузчу» деген татыктуу өз баасын алган биринчи комузчу. Ал комузчулардын гиганты.

Ушундай зор талант болуу менен бирге ал ошончолук эң жөнөкөй, ушактан, мактанчаак, төрөпейилдик өңдүү жаман сапаттардан алыс, басмырт жүргөн, көтөрүмдүү, уяттуу, тубаса маданияттуу, абдан сезимтал, өзү да, өнөрү да артык, терең ойчул, асыл адам болгон. Ага сыйда, сыймык да, атак да өзү келген. Саякбайдын тили менен айтканда:

Уккан сайын, уккуң келчү кайра эле, Күү жагынан толкуп жаткан дайра эле. Шайыр эле, күнү оюн-күлкү эле, Ар бир күүсү табылбаган мүлк эле. Майда таштап, кол ойнотуп тапчу эле, Курсант кылып ойдогуңду какчу эле. Тарсылдатып улуу дууга салчу эле, Кемпир-чалдар шыпшынышып калчу эле.

Көз ачкандан жер көрктүүсү көл эле,

«Ысык-Көлдөй терең молдо» дээр эле.

Абдысалам ОБОЗКАНОВ

ЫБЫРАЙ

Кожомкулдай түрү бар Алачыктай чоң киши Аны байкап билип ал.

Ыбырайдын сөзүн ук,

Ичтен бышкан жөө чечен, Калыстыгы ченде жок.

Тумандын уулу Ыбырай,

Тегин жерден күү тапкан, Бир койдун кылын бүт таккан, Сыдырып жайып жүз таккан. Комузчуларга сын таккан. «Жаш тилекке» келгенде

Тепкенин жогору жагынан

Тегирмендей чоң колду

Тегеретип чуркаткан,

Тумандын уулу Ыбырай,

Комузчунун кыйыны ай –деп Осмонкул төкмө ырдагандай тегин жерден күү тапкан, баамчыл, сынчыл «тегирмендей» чоң колдуу, терең ойлуу, улуу комузчунун бири – Ыбырай Туманов болгон. Ага жаратылыш адамдагы алптыкты, айкөлдүктү, кукура чыгармачылыкты берген. Абалы ал угуучу-көрүүчүлөрдү өзүнүн сырткы турпаты, тула бою, өзгөчө дене мүчөлөрүнүн өткөрө зордугу, сымбаттуулугу, кармаганынан кан чыгарган карылуулугу, колдорунун манжаларынын бөтөнчө чоңдугу, балбандыгы менен таң калтырган. Анын ушундай алп көрүнүшүн биринчи көргөн адам: «Капырай, ушундай кебетеси менен кантип комуз чертсин» деген шектенүү ойду туудурчу. Бирок ал комуздун кылдарын жоон манжалары менен чалганда жана кабыштыра басканда салааларынан сандаган кайрыктарга бай күүлөр төгүлгөн.

Ыбырай Туманов 1885-жылы Ысык-Көлдүн көкүрөгүндөгү Аксуу районуна караштуу Акбулуң (азыркы Түргөн) айылынд а – чоорчунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Туман Олжебет деген байдын малайы болгон. Энеси да анын отун жагып, суусун алып күн көрөт. Туман эртеликеч чоор тартып, үй-бүлөсүнүн көңүлүн жубатса, иниси Жолбун комуз чертип жарптарын жазат. Атасынын же агасынын таасири тийдиби же табигаттын шыбагасыбы Ыбырай жетиге чыкканда комуз менен түбө лүккө достошот. Өзгөчө атасы жолбундан зээндүү наристе күүнүн көзгө көрүнбөгөн жалындарын көкүрөгүнө уютат. Бара-бара ал жөнөкөй обондорду, жеңил кайрыктардагы күүлөрдү чертет. Аны уккандар баладан келечектеги залкар талантты болжолдошот. Бирок итке мингизген шумпай заман кабыргасы ката элек жаш баланы күнүмдүк жашоонун айынан ар кимдин оокатын жасоого аргасыз кылат. Ал он бир, он экилерге чыкканда колуна ыргай таяк кармап, Жайылда деген байдын упасыз коюнун аркасынан түшөт. Ал күндүр-түндүр кой артында жүрсө да, колунан комузду түшүрбөйт. Ал он бешке чыкканда айылдаштарына элдик күүлөрдүн чебер аткаруучусу, балбан катары таанылат. Эр оодарышка, күрөшкө, көк бөрү, аркан тартмай өңдүү ж.б. улуттук оюндарга катышып, беттешкендерин жеңип, алдына эч кимди чыгарбай, «бала балбан» атанат. Бирок Ыбырайдын бүткүл күчү, бүтүндөй сүйүүсү комузга өтөт.

Ыбырайдын алгачкы өздүк репертуарынын негизги өзөгүн түрдүү мазмундагы, түркүн мүнөздөгү «Жаш шайыр», «Сегиз кайрык», «Бургуй», «Бекбекей», «Керметоо», «Бердикожо жалгызым», «Кул пенде», «Үч адалдын кошогу», «Гүл ойрон», «Уба-уба Карагул ботом», «Экөөлөсөң экөөлө», «Керөзөн» шекилдүү элдик обон-күүлөр түзөт. Алардын ар бирин көркөмдүк жактан өз алдынча иштеп чыгып, татаал кайрыктагы күүлөргө айландырган. Терең ойлуу, ар кандай мазм ундагы обон күүлөрдүн соңунан залкар кайрыктардагы «Моңолбай», «Бургуй», «Бекташ», «Сары көбөн», «Чегиртке» аттуу элдик арноо күүлөрдү чертет. Булардан сырткары «Абышканын арманы», «Жетим баланын арманы», «Серкебайдын арманы», «Кыдыр акенин Дөөгүчү деген уулу өлгөндө арманы» деген кедейчиликтин, таш боор өлүмдүн, оор тагдырдын кесепетинен келип чыккан армандуу күүлөрдү аткарган.

Бул чыгармалар ошол кездеги, ошол доордогу жалгыз гана адамдын муң-кайгысы эмес, эзилген элдин зары катары жаңырган.

Ыбырайдын обон жана арман күүлөрдү өздүк репертуарында өздөштүрүшү, аткаруучулук чеберчилигинин жетилип өркүндөшүнө, чертүүгө оор залкар күүлөрдү аткарууга, арымын арттырууга жалбырттаган шыктуулукту берет. Ал элдик аспаптык музыкабыздын негиз салууч уларынан болушкан Музоокенин «Муңдуу күү», Күрөңк өйдүн «Мас күйөө», «Боккөтөндүн ботою», «Кудайырбектин ботою», «Кыдыр акенин ботою», «Сейилкандын ботою», «Чолпонбайдын  үч коо», «Майлыбайдын шалкы күү», «Мужуктун  шыңгырамасы», «Жакыпбайдын шыңгырама» деген ар кандай мазмундагы, түрдүү стилдеги, ыкмадагы күүлөрдү калкка тартуулайт. Бул чыгармаларды чертүү менен бирге алардан көп нерселерди алып, көркөм тажрыйбасын байытат. Бара-бара Ыбырай айыл арасынан уккан, көңүлүнө жаккан чоор, темир комуз, кыл кыяк күүлөрүн комузуна салып, атайын иштеп да чыгат. Айрыкча, ал чоордун «Койчулардын коңур күү», «Жылкычынын чыңыроо» деген кыл кыяктын «Калча аке», темир комуздун «Кош кайрык», «Бурулчанын селкинчек» аттуу күүлөрүнүн негизги обондук дандарын алып, терең ойду камтыган, музыкалык темаларын кеңири вариациялап өнүктүргөн, татаал кайрыктагы залкар күүлөргө жеткирген. Ыбырайдын Теңизбай, Нурдөөлөт, Койду, Мамыр, Кудайырбек өңдүү ж. б. өз доорунун белгилүү шайырлары менен таанышуу, таалимдешүүсү, сабак алышы комуздун не бир түпкүрдөгү купуя сырларын дагы терең билүүгө, чыгармачылыгынын ар тараптуу өсүшүнө күчтүү таасир эткен.

Ал комуз кармагандан элдик ырларды ырдоо менен аспабынын коштоосунда «Мендирман», «Карагул ботом», «Тай баланын дасторкону», «Жанаркуш» деген дастандарды, жомокторду, ал турсун «Манас» эпосунун айрым үзүндүлөрүн да айткан. Булардын обондорун да атайын көөлбүгөн кайрыктарга бай күүлөргө айландырган. Айрыкча «Манастын» элге кеңири белгилүү обондорун, кызыктуу окуяларын, зор чыгармачылык эргүү менен «Айчүрөктүн Семетейдин шумкарын ала качканы», «Алмамбеттин арманы», «Каныкейдин арманы» деген аттарда күүгө салган. Бул эпикалык күүлөр музыкалык ойлорунун тереңдиги, ачыктыгы, көркөм каражаттарынын ар түрдүүлүгү, маңыздарынын байлыгы менен айырмаланды. Алар бир аткарган күүлөрүнүн тарыхтарын кызыктыруу, жетимдүү тил менен чечмелей айта отуруп чертүү жолун да үйрөнөт.

Ыбырай элдик күүлөрдүн кыябын таба, ал эми айтылуу чертмекчилердин чыгармаларын авторлорунан ашыра чертпесе, кем чертпеген. Ал турсун алардын көпчүлүк күүлөрүн түп нускасына сандаган жаңы түрдүү музыкалык көркөм ыкмаларды, штрихтерди кошуп, кайрууларына кайрыктарды улап, түрлөнтө кооздоп аткарган. Айрым шайырлардын күүлөрүн Ыбырай өзүнүн шыгына, кулкмүнөзүнө, табитине, аткаруучулук күчүнө, кудуретине ылайыктап, түп-тамырынан бери миң түрлөнтө иштеп чыккан. Мисалы, кол ойнотулуп, араларына ыр аралаштырылып чертилген Токтогулдун «Миң кыялын», Айдараалынын «Көйрөң күүсүн» Ыбырай колун түр лөнтүп ойнотпой, ырды коштобой, баяндалуучу окуяны, айтылуучу ойду терең кайрыктар менен сыпаттап, салмактуу чертилген залкар күүлөрдүн жаңы классикалык үлгүсүн жараткан. Айрыкча анын укмуштай устаттыгы, тапкычтыгы Токтогулдун айтым күүлөрүнүн атасы аталган «Миң кыялында» ачык-айкын көрүнгөн. Ыбырай күүнүн негизги данын түзгөн куплеттик формадагы обонду таптакыр татаалдашкан музыкалык тема сы ар түр мөктө чиелеше өнүктүргөн классикалык чыгармага жеткирген. Биз «Миң кыялдан» эки башка шыктагы музыканттын алтынды кылдаттык менен кынаптап чегелеген зергер шекилдүү, чеберчилик менен биринин оюн экинчиси өнүктүргөн устаттыкты туябыз. «Миң кыялдан» Токтогул менен Ыбырайга гана мүнөздүү кайрыктарды байкайбыз. Ошентип, Токтогулдун бул күүсү Ыбырайдын иштеп чыгуусунда, чертүүсүндө калың калктын катмарына тарап, классикалык чыгармага айланды.

Туманов элдик жана байыркы шайырлардын күүлөрүн чертүү менен өзүнүн үзөңгүлөш кесиптештери Муратаалынын «Кербезин», Асанаалынын «Жайкамасын», Алагуштун «Арман күү» деген ж. б. чыгармаларды да аткарган. Залкар музыканттын эзелки элдин жана абалкы комузчулардын күүлөрүн оңдоп, ыбырайлык ыкмалар менен иштеп чыгышы, көптөгөн күүлөрдү аткарышы, комуздагы бүткүл кудурети, музыкалык мурастагы кайталангыс кереметтерди терең өздөштүрүшү келечекте классикалык чыгармаларды жаратышына жол ачкан. 1916-жылы Турпанга Ыбырай барат. Ал азган-тозгон эл менен бирге аяктан да азап тартып жапа чегет. Бирок андай көкөй кескен доор көпкө созулбайт. Улуу Октябрдын таңы элибизге нурун төгүп, мээримин чачты. Каргыш тийген эски мерес заман жөө тумандай сүрдүктү. Жаңы заман ар бир шайырга, өмүрүндө болуп көрбө гөндөй жаңы чыгармачылык кубатты, шыкты, жөндөмдүүлүктү, ойду, сезимди жаратты. Советтик бийлик шайырлардын аң-сезими, чыгармачылык кыялдануусун түп-тамырынан бери өзгөртүп, жаңыча жашоого, жаңыча иштөөгө шыктандырды.

Атактуу элдик композиторлордун, өзгөчө Ыбырайдын чыгармачылыгында кайталангыс жаңы шыктын жаркын оту жанды. Ал өзү теңдүү шайырлардын ичинен советтик чындыкты өтө тез жана терең сезип, чын жүрөктөн кабыл алат. Ыбырай 1918-жылы ак падышанын тактан кулаганын, ал эми 1921–32-жылдары таалайлуу замандын жергебизге орногонун, карапайым эмгекчилердин эркиндик, теңдикке жеткенин Совет өкмөтүнө болгон терең сүйүүсүн «Кеңеш», «Октябрь өзгөрүш» деген жайдары кайрыктарга бай программалуу күүлөрүндө баяндайт.

Автордун «Ооган Камбаркан», «Кеңеш», «Октябрь, өзг ө рүш» аттуу күүлөрү алгачкы аткарылышынан эле калк жүрөгүнөн түнөк табат. Алардын музыкалык башталмасында эле шаңдуулук өкүм сүрүп, жүрүшү өзгөрүп, капысынан кыймылдар, басымдар алмашышат. Автордун «Кеңешинин» өзөгүндө болсо, бапыраңдаша кеңеш курушуп жаткан чечендердин шайырлануу салтанаттары сыпатталгансыйт. 1925-жылы Ыбырай «Жаш тилек» аттуу күүсүн чыгарат. Ал күүсү биринчи эле тартууланышынан тартып, элибиздин жан дүйнөсүнө терең сиңет. Ал кайда, кайсыл гана элдин арасында аткарылбасын, терең ойлуулугу, музыкалык маңызынын байлыгы, кайрыктарынын кайталангыс жаңылыгы, көп түстүүлүгү, жайдарылыгы менен угуучулардын жүрөктөрүнөн түнөк табат. Ыбырайдын чакырык түрүндөгү программалуу «Жаш тилегинде» билимден, илимден артта калган, караңгы кыргыз жаштарын окууга үгүттөйт. Күүдө алардын кыйла кылымдардан бери көксөгөн тилеги эми гана ишке ашып, жаңыдан канат күүлөшкөнү, аткан таңдай улуу замандын ырахатына бөлөнгөнү салтанаттуу жаңырат. Ошентип, автор дун «Кеңеш» менен «Жаш тилеги» ойлорунун кенендиги, музыкалык тилдеринин мукамдуулугу, көркөм каражатта рынын көп түрдүүлүгү, жугумдуулугу менен журтчулуктун купулуна толот.

Автор жаңы доорду күүлөрү аркылуу даңктоо, баяндоо менен бирге жергебизге Советтик бийликти орнотууга да жандили менен катышат. Айрыкча Ыбырай граждандык согуштун, коллективдештирүүнүн учурларында ички душмандарды, басмачыларды талкалоодо колуна мылтык алып, жоо бетинде, эл четинде болот. Жаңы заманды көрө албагандардын жазасын берип, жандарын көзүнө көргөзөт. Ал ушундай кандуу карм аштарда жүрсө да, колунан комузун түшүрбөйт. Өзгөрүлгөн жерге, өнүгүп бараткан элге, карапайым калкты коллективдештирүүгө чакырат. «Өзгөрүш», «Колхоз куралы», «Беш жылдык», «Боз салкын» деген жаңы заманды даңазалаган залкар күүлөрдү чыгарат. Булар да обондуулугу, кайрыктарынын жаңылыгы менен угуучулардын арасында кеңири тарайт. Автордун программалуу күүсүнүн бири – «Колхоз куралында»:

Колхоз айылы эң сонун,

Айтып берем болжолун,

Бардык ишти оңдогун,

Эмгектенсең ак жүрүп,

Орундалат ойдогуң! –деген шекилдүү добуштар обон салып тургансыйт. Ал эми «Бос салкын» күүсү бөтөнчө көркөмдүүлүгү, өзгөчө обондуулугу менен айырмаланат. Автор бул арноо күүсүн чертээрдин алдында:

«Таң атаардын боз салкын,

Талаабыз толгон көрк алтын,

Эртелеп жумушка баралы,

Компартиялык абийир алалы» –деген ыр саптарын айтып аткарган.

Элдик шайыр «Боз салкын» аттуу арноо-чакырык күүсүндө табигаттын сулуулугу менен таң азандан эпкиндүү эмгекке аттанган күжүрмөндөрдүн күрдөөлдүү эрдиктерин сыпаттаган.

1936-жылы борбор шаарыбызда эл чыгармачылыгынын республикалык биринчи олимпиадасы болот. Ага башка шайырлар менен бирге Ыбырай да катышат. Анын тубаса шыгы музыковед А.Затаевич жетектеген калыстар тобу тарабынан жогору бааланат. Алардын өтүнүчү боюнча Ыбырай филармонияда иштөөгө калтырылат. Ал эми А.Затаевич Ыбырайдан «Жаш тилегин» баш кылган «Боз салкын», «Ооган», «Бургуй», «Желдирме» өңдүү күүлөрүн жана элдик «Жөө калды», «Май жалаган», «Боз бала» аттуу чыгармаларды жазып алат.

Ыбырай жаңыдан уюштурулуп жаткан филармониянын эл аспаптар оркестринде комузда ойнойт, бир эле мезгилде жеке солисти да болуп иштейт.

Ыбырайдын чоң чыгармачылык коллективде ар кандай шыктагы, ар түрдүү аткаруучулук манерадагы, стилдеги кулк-мүнөздөгү музыканттар менен иштеши чыгармачылык кыялдануусунун, ички дүйнөсүнүн музыкалык аң-сезиминин байышына, жаңыча изденишине күчтүү таасир этет. Ыбырай чыгармачылыгын добуштар аркылуу сүрөттөө, тууроо ыкмаларында кеңири өнүктүрөт. Анын устаттыгы «Паровоз» аттуу классикалык күүсүндө көрүнөт. Автор 1936-жылы паровозду («Кара тулпары») өмүрүндө биринчи жолу көрөт да, аны оозеки чыгармачылыгыбыздагы кадимки кара тулпарды сүрөттөгөндөй сыпаттайт. Комузчу бул күүсүнүн башталмасына паровоздун өтө жай жүрүш менен ордунан козголгонун, анан бара-бара ылдамдыгын күчөтүп, куду эле аргымактын жүрүшүндөй күжүлдөтөт. Күүдө басымдар алмаштырылып, ритмикалык бөлүктөр майдаланат. Кайрадан жүрүштөр басаңдагандан басаңдап отуруп, лөкүйгөн зор локомативдин станцияга жайлана келип, токтогонун сыпаттоо менен аяктайт. Күүнүн кайрыктарында «Кара тулпардын» бир станциядан чыгып, экинчисине келип токтогону, дөңгөлөктөрүнүн түкүлдөшү, эң бир элестүү таасирлүү кайрылган.

Ыбырайдын эл аспаптар оркестри менен бирге республикабыздын бүткүл аймагын аралашы, карапайым эмгекчилердин эмгектерин өз көзү менен көрүшү, музыкалык сабактан сабак алышы, сабатсыздыгын жоё башташы, аң-сезимин агартып, түшүнүгүн кеңейтет. Элдин күүсүн чалган албан кайрыктардагы жаңы чыгармаларды жаратууга күчтүү дем берет. Көрүнүктүү шайырдын эл, мекен үчүн талыкпай эмгектениши, 1938-жылы Өкмөт тарабынан жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардак наам бери лет. Бул болсо комузчуну такай чыгармачылык изденүүнүн айкын сапарында болууга шыктандырат. 1939-жылы Ыбырай үчүн, өмүрүндөгү унутулгус кубанычтуу жылдардан болду. Ал ушул жылы КПССтин, СССР Композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат, Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасына катышат. Көрүнүктүү музыканттын күүлөрү он күндүктө борбордун угуучуларынын чыныгы урматына бөлөнөт. Ардак белгиси ордени менен сыйланат. Сүйүнчүсү койнуна батпай Москва шаарына, кичи пейил сылык мүнөз, жаракөр калкына арнап «Толкун», «Жүрөгүм, Москва» деген күүлөрдү чыгарат. Эки чыгармада тең элге, шаарга болгон терең сүйүү, кубануу сезимдери өтө устаттыкта бер илген. Күүлөрдүн ар бир кайрыктарынан орус, кыргыз элдеринин бузулбас улуу достугун салтанаттаган мукам кайрыктарды угабыз. Ыбырайдын «Жүрөгүм, Москва» аттуу күүсүнүн башталмасында бүткүл совет эли сүйүп ырдашкан жана өз кезегинде Советтер Союзунун радиостанциясын билдире турган чакырыгы (позывною) катары пайдаланган композитор И.Дунаевскийдин «Мекен жөнүндөгү ырынын» обонунун алгачкы тактыларынан кайрат. Андан ары ал өзүнүн тунук сезиминен жаркын кайрыктарын өнүк түрөт. Күүдө Дунаевский менен Тумановдун обондору кайымдаша айтышкан темаларга өтүп, бара-бара бири-бирин сүрөөгө алган, жалпы ойду камтыган башкы музыкалык тема менен ширелишет. 1941–45-жылдары залкар шайырлардын ичинен согуш темасына биринчилерден болуп Туманов кайрылат. Ал жалындуу агитатор катары жоокерлерди, өз элин, Мекенин коргоого чакырат. Өзгөчө, Ыбырайдын согуш мезгилинде чыгарган «Биз баатырлардан күтөбүз» деген чакырык түрүндөгү күүс үндө, көп улуттуу советтик жоокерлерди, тарыхты таң калтырган эрдиктерди жаратууга, Мекенди душмандан кашык кан калгыча коргоого үгүттөйт. Көрүнүктүү музыкант Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жалаң гана күүлөрдү чыгаруу менен чектелген жок. Ал майдандык концерттик бригадалар душмандар менен салгылашып жаткан жоокерлердин, тылдагы күжүрмөндөрдүн арасында өнөрүн тартуулайт. Ыбырай согуш жылдарында Фрунзе, Ташкен шаарларында өткөн Орто Азия республикаларынын музыкалык он күн дүктөрүнө да жандуу катышат.

1945-жылы көп улуттуу баатыр элибиз немецтик басып алгычтардын ташын талкан кылат. Жергебизде Улуу жеңиштин желеги желбирейт. Ошондо Ыбырай кайратынан от жанган, эр жүрөк жоокерлердин эрдигине арнап «Жеңиш» деген классикалык күүсүн чыгарат. Анын алгачкы эле кайрыгында шаңдуу майрамдын шаттыгын элестеткен марш жаңырат. Ал бара-бара шартылдаган бий ыргактарына өтөт. Ал эми күүнүн негизги өзөгүнө үңүлсөк, согуштук ырлардын обондорунун үзүндүлөрүн, керней, барабандын жана үйлөмөлүү оркестрдин ж. б. добуштарын туябыз.

Кан майдандан жапа тарткан жергебизде шаңдуу эмгек, шайыр күлкүнүн симфониясы кайрадан жаңырат. Кең мекенибиз өркүндөп өскөн сайын Ыбырайдын дагы чыгармачылыгы ажарланат. Ал доорубуз менен үндөшкөн, угуучулардын жан шеригине айланган ар кандай мазмундагы күүлөрдү чыгарат. Алсак, Ыбырай «Эмгек баатыры» деген программалуу арноо күүсүндө бүгүнкү бейпил доордо жашап, жаңыча иштеп, адал эмгеги, ак ниети менен калк кастарына алынган даңктуу баатырдын келбетин, кулк-мүнөзүн жайдары, салтанаттуу кайрыктарда сыймыктануу менен сыпаттайт.

Тумановдун арноо күүлөрүнүн бири – «Улуу той». Бул чыгарма Кыргызстандын 25 жылдыгына арналган. Аны укканыбызда чейрек кылымдын ичинде Ата Журтубуздун толукшуган күчкө толуп, чартарабы өнүккөн кубаттуу өлкөгө айланганын туябыз. Күүдө турмуш ыракаты, көңүл куунактык, демилгелүүлүк терең сезилет. Ыбырайдын «Улуу тою» да баштагы күүлөрүндөй эле жагымдуу да, лирикалуу да. Ал чыгармасын жаратууда комуздагы бүткүл касиетти өтө кылдаттыкта пайдаланып, кызыктуу иштеген.

«Комуздун биринчи эле доошу, – деп жазган музыковед В.Виноградов Ыбырай менен алгачкы жолугушуусу жөнүндө,– мени аң-таң калтырды жана жүрөгүмө зор кызыгууну туудурду. Комузунун добушу жаңыдан ачылып келе жаткан гүлдөй таза жана назик эле. Интонациясы укмуштуудай тактыгы жана ачыктыгы менен айырм аланат. Ыбырай менин көз алдымда музыкант – зергер алтынды кылдаттык жана этияттуулук менен чегелеп сулуулап жаткан чебер сыяктуу байкалды. Шаңдуу, өтө кылдат иштелип чыккан добуштарды, таасирдүү пассажды, пицикаттону, (үзүп-үзүп чымчылап чертүүнү) жалындай жарк дей түшкөн флажолеттерди (терип чертүүнү), капысынан пайда болуп, андан ары уланып кеткен шаңкылдаган аккорддорду, үндөш үүлөрдү) ж. б. өзү да кызыгып тыңшап жаткандай болду.

Ооба, ал өзүнүн ыбырайлык жана көңүлдөгүдөй чыккан ыкмалары менен таң калтырууну жактыра турган». (В.Виноградов. Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары, «Кыргызстан» басмасы, 1974, 58–59-беттер). Айрыкча автор таң каларлык ыкмаларды, штрихтерди бак-таалайлуу доорубузга, турмушубузга арнаган «Жыргал күн» деген күүсүндө өтө натыйжалуу, өткөрө устаттыкта пайдаланган.

Айрыкча чыгарманын көркөмдүүлүгүн көтөрүүдө, маңыздуулугун арттырууда, музыкалык каражаттарды ар тараптан байытууда флажолеттер башкы ролду ойногон. Күүнүн башкы темасы да флажолеттер аркылуу кайталанып, мажордук тетрахорд биринен экинчисине өтүп, чыгарманын маңызына-маңыз кошкон. «Жыргал күндө» бүгүнкү доордун салтанаты, шаңы карапайым калктын жыргап-куунап жашап жаткан турмушу, берекелүү кең мекенибиздин түмөндөп өсүп жатканы сыпатталган.

50-жылдары Ыбырай көп улуттуу калкыбызды достукка чакырган «Эки дос», бүткүл дүйнө элдерин бир эне-атанын балдарындай ынтымакта, бейпилчиликте жашоого үгүттөгөн «Тынчт ык», жайы-кышы ак карлуу Ала-Тоону мекендеп колхоздун төрт-түлүк малын көзүнүн карегиндей сактап асырагандардын ардактуу эмгектерин камтыган «Эпкиндүү чабан», «Жашыл жайлоо, мал семиз» деген ж. б. күүлөрдү чыгарат. Булардын ар бири баяндаган окуяларына жараша, ар түркүн музыкалык жүрүш төргө, обондук түзүлүштөргө, көркөм каражаттарга ээ. Автордун күүлөрүнүн негизги данектеринен профессионалдык музыканын түркүн ыкмаларын, оркестрлердеги аспаптардын үндөрүн, тембрлерин туураган кайрууларды жолуктурабыз. Аларды ал чыгармаларына өтө билгичтикте, сезгичтикте баамчылдык менен пайдаланган.

1951-жылы Ыбырай Туманов Республикабыздын 25 жылдык тоюнда Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланат. Ал эми 1955-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти деген ардак наамды алат. Мындай өкмөттүк жогорку сыйлыктар музыкантка дагы зор чыгармачылык эргүү, чаалыкпас кубатты жаратат. Ал угууч улардын табитин тазарткан «Беш жылдык», «Сегизинчи март» деген күүлөрдү чыгарат. Булардын башкы темасына да жыргалдуу турмушта жашап, эмгек менен өсүп жаткан күжүрмөндөрдүн эрдиктери алынган. Элдик композитор Ыбырай 1953-жылга чейин филармонияда эмгектенет. Андан соң кадырлуу эс алууга чыгат.

Бирок карыя музыкант «карыдым, арыдым» дебестен баштагыдай эле замана шаңына айкалышкан бүгүнкү күндүн күүлөрүн чыгарат. Ар кандай салтанаттуу майрамдык концерттерге, фестивалдарга, декадаларга катышат. Айрыкча карыя музыканттын шыгы, аткаруучулук чеберчилиги 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун жана 1963-жылы Кыргызстанда өткөн орус музыкасынын он күндүктөр үндө угуучулар  тарабынан жогору бааланат. Ал Москвада өткөн он күндүктө «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат. 1963-жылы Ыбырай доорубуздун улуу композиторлору Д.Шостакович, В.Мурадели менен Караколдон кезд ешет.

60-жылдары элдик композитор «Космосчу», «Пионерлер гүлдөйт», «Жүз жылдык», «Карыянын кубанычы», «Коргоолго эстелик» деген күүлөрдү чыгарат. Булардын биринде ааламды таң калтырган эр жүрөк учкуч-космосчулардын баатырдыгын баяндаса, экинчисинде жаркын жүздүү жаш жеткинчектердин турмушун, кубанычтарын сыпаттайт. Ал эми «Жүз жылдык» аттуу чыгармасында бир тилекте, бир максатта эмгектенип жатышкан орус, кыргыз элдеринин достугун баяндайт. Адаттагыдай эле композитор бул чыгармаларынын музыкалык мазмундарына айкалышкан жаңы обондорду, жаңы көркөм каражаттарды, ыкмаларды, штрихтерди таап, айдарымдуу аткарган. Залкар музыканттын чыгармачылыгы башка шайырларыбыздыкынан кескин айырмаланган. Биринчиден, ал элдик жана эски комузчулардын классикалык күүлөрүнүн сактоочусу, өнүктүр үүчүсү жана жайылтуучусу болгон. Башка шайырларга караганда Ыбырай аларды көп билген жана көп аткарган. Алсак, Кыргыз радиосунун алтын фондусуна 120дай элдик жана атактуу музыканттардын чыгармаларын жаздырган. Ыбырай алардын ар биринин стилин, мүнөзүн, кайрууларын, ойлорун бирибирине аралаштырбай устаттыкта аткарган. Ошентип, элдик музыкабыздын тарыхында аткаруучу-комузчу катары бааланган. Ыбырай айтылуу аткаруучу болуу менен бирге атактуу элдик композитор, өзү жашаган замандын жарчысынан болгон. Анын композитордук шыгы совет бийлигинин алгачкы күнүнө тартып адымдаган. Ал өлкөдөгү улуу өсүштөрдү, укмуштуу өзгөрүштөрдү, жаңылыктарды, сергектикте сезип, өткөрө тез кабыл алган сезгич, баамчыл байкагыч шайыр болгон. Ошондуктан, анын күүлөрүнүн бүткүл темасы, мазмуну өзү өмүр өтөгөн күндөн алынган. Ыбырайдын күүлөрү алгачкы эле кайрыгынын добушунан айырмаланат. Алсак, ал ар бир күүсүнүн башкы темасына же башка музыкалык оюна ар дайым, ар убакта бир үндөгү обонду алып, аны чиелештире экинчи, үчүнчү кылдарда өнүктүргөн. Ошондой болсо да Ыбырайдын чыгармачылыгында бир үндүүлүк орчундуу орунду ээлейт. Булардан сырткары Ыбырай күүлөрүн аткарганда билгичтик менен күтүлбөгөн жерден добуштардын күчүн өзгөртүп черткен. Ал эми Ыбырай колдонгон ар түрдүү ыкмалар, штрихтер болсо, өзүнчө бөтөнчөлөнгөн, оригиналдуулук Ыбырайдын чыгармачылыгындагы дагы бир бөтөнчөлүк – ал ар дайым өзүнүн гармониялык тилин, модуляциялык ыкмаларын калыптандырууга, байытууга умтулган, изденген композитор болгон. Биз алардан профессионалдык аспаптык музыкантыбыздын күчтүү таасир эткенин жана аларга Ыбыкеңдин асылданганын баамдайбыз. Сөздүн кыскасын айтканда, өткөн заманды даңазалоо жагынан советтик доордогу замандаш комузчулардын ичинен Ыбырайга эч кимиси жеткен эмес. Залкар музыкант башка шайырлардан күүлөрүнүн, темаларынын жаңылыгы менен гана бөтөнчөлөнбөстөн, аткаруучулук чеберчилиги менен да айырмаланган. Ал чыгармаларынын мазмундарына ажарлана айкалышкан жана жеке гана өзүнүн мүнөзүнө төп келишкен ыкмаларды, штрихтерди таап аткарган. Анын эң негизги жана сүйгөн штрихтери – элдик терип, чымчылап, аралаш чертмелер болгон. Ыбырайдын симфониялык оркестрлер менен таанышы, театрлардан опералык, балеттик спектаклдерди көрүшү, дүйнөлүк классик композиторлордун чыгармаларын угушу ага күчтүү таас ир эткен. Алардагы айрым көркөм каражаттарды, ыкмаларды, штрихтерди, аспаптардын добуштарын, ойноо позицияларын күүлөрүнө накт а чыгармачылыкта чагылткан. Элдик музыкант тын ондогон күүлөрүн көрүнүктүү композиторлорубуз симфониялык, опералык, балеттик чыгармаларына да пайдаланышты. Ал эми «Жеңиш», «Боз салкын», «Жаш тилек», «Кеңеш», «Жыргал күн», «Жүз жылдык», «Жүрөк толкуйт» деген ж. б. классикалык күүлөрү Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине салынат. Булардын ичинен өзгөчө автордун «Боз салкыны» бөтөнчө айырмаланды. Аспапташтырылган күүдө кереметтүү таңдын атышы менен жаратылыштын ойгонушу, күжүрмөндөрдүн эмгек салтанаты сүрөттөлөт. Андай берекесин төккөн бейкутчулук темир комуздун жумшак, назик үнү менен созолонот. Аны күмүш кирпик күн нурун, шаңдуу эмгекти элестеткенин оркестрдин салтанаттуу, мукамдуу кайрыктары коштойт. Кайрадан темир комуз сололук ролго өтөт да, күүнүн башкы темасын жандырып, аны оркестрдин аспаптык топторунда өөрчүтөт. Мындай күүнүн маңызына маңыз кошо түрлөнтө иштеп чыгуу чыгарманы байытып, ажарын ачкан. Өзгөчө темир комузду күүнүн турпатына жараша башкы аспап катары билгичтикте, өтө кылдаттыкта пайдаланганы, баа рыдан да эзели эл аспаптар оркестринде колдонулбай келген ооз комуздун алгачкы жолу коомчулукка тартууланышы чоң жаңылык болду. Залкар шайырдын эң акыркы чыгармасы шайыр, жайдары салтанаттуу кайрыктарга бай «Жүрөк толкуйт» аттуу күүсү болду. Ал кийин эл аспаптар оркестрине да салынат. Улуу элдик композитор 1967-жылы узакка созулган катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бирок Ыбырайдын жаркын элеси, жайдары кайрыктардагы классикалык күүлөрү угуучуларыбыз менен жашап, учурубуздун улуу чыгармаларынан боло бармекчи.

Балбай АЛАГУШЕВ

НЫЯЗААЛЫ

Алмустактан азыркы ата-бабаларыбыздын кан-жанына сиңип калыптанып бүткөн, улут рухуна бекем уялаган өнөрлөрүбүздүн бири – комузчулук. Калк катмарына кеңири тарап, калк кадырына татыган бул өнөрдүн жети дубанга аты чыккан, даңкы таш жарган чыгаан устаздары боло келген, алардан алган үлгүлөр урпактарга мурас болуп кала берген.

Кыргыз элине мүнөздүү көчмөн турмуш уруу аймактарына айланчыктоого аргасыздаган себептүү бул аймактар бара-бара өз алдынча диалектиге бөлүнүүнү шарттап, улут тилинин, каада-салттарынын, үрп-адаттарынын, адабий музыкалык маданиятынын өңү-түсүн белгилүү бир өлчөмдө өзгөртүүгө мажбурлабай койбогон, карым-катнашты татаалдаштыра берип, түндүк-түштүк ортолугуна чек коюп территориялык алыстоону алып келгени белгилүү. Натыйжада, бул эки территориялык чөлкөм өмүр, турмуш, жашоо, тиричилик жагдайларында өз очогунда кайнай берүүгө туура келген. Башкасын коюп, күү өнөрчүлүгүнө көңүл оодарсак, аспапчылардын аткаруучулук ыкмасында болобу, чыгармачылык тематикасы жаатынан алганда да, кай жагынан карамыктаба, Түндүк-Түштүктүн жыты сезилип турган. Комуз толгоосундагы эле толгон токой табылгалар кыргыз журтунун бүткүлүсүнө тегиз тарамдай албай «Оң буроолор» топтому түштүктөн оруночок алып, түндүк комузчулары көбүн эсе «Сол буроолор» чертими менен чекте лишкен.

Совет бийлиги орноп улуттук, адабий-музыкалык маданиятыбыз ордо калаадан орун-очок алып, чыгармачылыктын чыгаан өкүлдөрү бир уюмга баш кошуп, бир жеңден кол чыгарып эмгектенүүчү мезгил келип жеткенче, комуз өнөрчүлүгү боюнча «Түштүк мектебинин» башында Ныязаалы Борош уулу турган эле.

Ал эми «кара күүлөрдү» көбүрөөк байырлаган комузчулардын «Түндүк мектебин» Муратаалы, андан соң Карамолдо, Ыбырай жетектеген.

Ныязаалыга окшогон улуу өнөрпоздун чыгармалары ал кездеги сабатсыздыктын айынан не кагазга түшү рүлбөй, не үн тасмага жазылбай түп нускасында (автордун аткаруусунда) бизге жетпей калды. Анткени менен улуттук музыкадагы анын ат көтөргүс орду устаттык таалиминде, жол көрсөткүч нускоо лорунда «Айтым күүлөр», «Куудул күүлөр», «Ойнотмо күүлөр», «Шайыр күүлөр» түркүмдөрүндөгү салттык мүнөзгө кеңири жол ачып берди.

Ошентти, Ныязаалы билгилиги бүтүндөй бир улут маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошууга үлгүрдү. 1936-жылы 18–25-октябрда Фрунзе (Бишкек) шаарында эл чыгармачылыгынын Бүткүл кыргызстандык биринчи олимпиадасы болуп өткөн. Бул иш-чара кыргыз искусствосунун тарыхында эң зарыл жана эң көрү нүктүү иш-чаралардан болуп калгандыгына тарых күбө. Антип айтууга негиз берген жагдай Улуттук музыкалык маданиятыбыздын белгилүү бир өзөктөн бүр алышына жана өнүгүп-өсүшүнө да эл арасындагы таланттуу өнөрпоздордун бир мекемеге баш кошушу Түндүк-Түштүк ажырымын бир нукка уютууда өлчөөсүз өбөлгө түзгөн эле.

Олимпиадага катышкан таланттуу өнөрпоздор Кыргызстандын Түндүк-Түштүк чөлкөмдөрүнөн Ысык-Көл, Талас, Чүй, Нарын жана Ош, Жалал-Абаддан келишкен. Ошолордун ичинде эң атактуу жана таланттуу аткаруучу жагынан катышуучулардын эң улуусу Түш түктүн Аксы жергесинен келген Ныязаалы Борош уулу бар эле. Күүнүн алпы Ыбырай «Сары барпы» күүнү чертер алдында ошол олимпиаданы эскере отуруп, 80 жаштагы карыя Ныязаалынын теңдешсиз өнөрүнө баам берүүчү. Алып баруучу кулактандыргандан кийин сахнанын ары жагынан ак сакалдуу карыя комузун ийинине апкеч салып кол ойнотуп, кайрыктан-кайрык улап, аспапты бирде кайкыта бирде ойкута чертип, комузу бирде желкесине, бирде ийиндерине ойноп чертип жатты. Таң калбаган жан жок, биз да көлдүк комузчулар түшт үктүн түрлөнтө черткен күүлөрүнө суктанып турдук. Көпчүлүктүн суроосу боюнча Ныяз аке дагы бир нече күүлөрдү чертип, сахнадан түшүп кеткендигин кеп са луучу.

Ныязаалы жөнүндө 1936-жылы 22-октябрындагы санында «Кызыл Кыргызстан» газетасы мындайча жазганы бар: «Жеңин чечип, көкүрөгүн ачып таштап, Ныяз аалы өнөрүн көрсөттү. «Шыңгырама», «Арсар күү», «Терс кайрыш» деген күүлөргө сөз кошуп чертип, элдин моокун кандырды. Комузу бир ийнине чыгат, бир аркасына кетет, бирде жерде жүрөт да кайра бооруна алат. Жалаң эле колу ойнобостон, оозу да элди күлдүрөт. Анысына элдин баары кыраан-каткы күлүп, колун чабат. Комузун койгулап ырдай берип, карыган киши чарчап да бүттү. Жерге түшкөндө отурган эл Ныязаалыны көздөй гүлдөрдү чачты».

Олимпиадага жалпысынан 335 өнөрпоз катышкан. Алардын алтымышына мыкты аткаруучулугу үчүн ар кандай сыйлык ыйгарылган. Комузчулардын ичинде Ныязаалы биринчи орунду ээлеп, башкы баалуу сыйлык – 500 сом акчалай бе рилген.

Ныязаалынын бул жолу олимпиадага катышуусунун эң баалуу жагы – жалгыз өзүнүн гана өнөрүн даңазалабастан, жалпы «түштүк» кайрыктарынын түгөнгүс сырларын ачып, комуз күүлөрүндөгү кооздукту, аткаруучулуктагы албан жаңылыктарды жамы журтка жарыя салгандыгында.

Комуз күүлөрүндөгү тематикалык жанрдык, аткаруучулук өркүндөөлөр совет бийлигине чейин көбүнчө устат менен шакирт ортосундагы чыгармачылык алака-катышка көбүрөөк байланышкан. Андай учурда шакирттер залкар өнөрпоздордун мектебинен өтүшкөн, ал мектептен сабак алышкан. Түштүк чөлкөмүндө андай мектептин ана башында «Ныязаалы мектеби» турган. Ылайыгы келип тургандыктан бирин-экин мисал тарта кетели:

  1. Комузчу үйүнүн жанында көк шиберге жая салынган төрбөлжүнгө (шырдакча) эки аягын сунуп отуруп алып, үңкүйүп комузуна кыл тагып жаткан эле… Тээ айыл четинен ит үрүп калды. «Ныязаалы» деген сөз кулагына илине түштү. Ныязаалы өйдө карай берди… Эки чоочун жарыша салам айтышты:
  • Ассалоому алейку-ум…
  • Ассалоому алейку-ум…
  • А, келгиле, аттан түшкүлө, издегениңер мен болсом керегиңерге жарайттырмын… Эки чоочун төргө отурушуп, үй ээлеринин, улага-төрүн бир чаргып:
  • Эми… алыстан арта даңк угуп, комуздун кумары, ырдын шыгы жаткырбай кууп, ат арытып тон кирдетип, мына алдыңызга келип турганыбыз, таяке,– деди алма жүздүү кызыл чырай сары чийкили.
  • Ныязаалы жымыйып, экөөн алма-телме сынай тиктеп калды. Кыязы, «чертишери кайсынысы, айтышары кайсынысы?..» дегендей.
  • Баатыр менен күлүктүн аңызы угулат, үкөлөрүм, – деди Ныязаалы комузчу, – өзгөчө өнөрпоздордун кулагы сак болот мындайда. Нары да менин үйүмү не комузчу, не ырчы гана сурап келет. Ошон үчүн болжоп отурам. А «таяке» дегениң кандай?
  • Атам Сатылган сарттардан, энем Бурма саруу ичинде Сатыкейдин кызы.
  • Э, жээн болот экенсиң, Токтогулум…

Ныязаалы комузчу комузун күүлөй баштады. Токтогулдун эки көзү комуздун кулагынан, бурамынан өтүп, бүт дити кылдын ыргагына жабышты. Ныязаалы «Кер толгоо» күүнү мукамдан мукам үндөтүп, бурумдан бурум түрлөнтүп, асемден асем ашырып, тула бою күйшөлүп чертти… «Көкөй кести карөзгөйдү» чертип:

  • Башын дуулдатып, аягын дүңгүрөтүп, ак көңүлдүн күлүшүндөй, аргымактын жүрүшүндөй шакылдатып, көзгө толумдуу, көңүлгө жугумдуу кылып жаркылдап… – деп өзү да оолжуп кетти. Телмирип кунт коюп отурду Токтогул. Эми «Сары барпы» күүсүн баштады…
  • Бул күүлөрүңүз татаал экен, мейли аракет кылам, тат аал түгүл катаал болсо да үйрөнөм… Ошон үчүн үйдөн безип, жер кезип мында жүрөм… – деп күлгөн болду Токтогул.

Киши канчалык көп жер көрсө, эл араласа, ошончолук камы бышып, кемтиги толуп, калпысы түзөлүп, ой-санаасы кеңийт. Токтогул ай бою тойлордо, кечки үзүрлөрдө бирге болуп, Ныязаалыдан нечен түркүн күү, Жеңижоктон төрт санатын каныга укту. Не бир ушуга чейин туңгуюк жүргөн сезим жаңы суу каптагандай көктөп… Баштагы «баарын билдим» деп жүргөн эрдемсүүсү басайып, билгени дагы такталып, оңдолуп, өөрчүп… балапан куштай талпынды…» («Келкел» рома нынан).

  1. Ныязаалы устатына шакирти Эркесарынын кездешүүсү: Ныязаалынын кабарын катуу угуп, шекит түшсөм деген тилекте Эркесары Аксыга жөө жөнөптүр. Барып учурашып жайланышкан соң:
  • И, балам, көзү алайган сары бала – таластык Эркесары деген сен экенсиң го. «Көчүгүн көтөрө берсе комузу адамча сүйлөйт» – деп айтышканын уккан элем. Өзүмд үн эле иним экенсиң, биз да мачак уругунан тараганбыз. Өз үйүңдөй жүрө бер, – дейт.
  • Эркесары үйлөнгөнүнө 6 ай боло электе Аксыга келип, Ныязаалынын жанында ата-баладай эрчишип, бир жыл чамасында туруп калат. «Кийин Таласка келгенимде келинчегим түңүлүп, кетүүгө баштанып калган экен, мени көрүп таарынычы жазылып калып калбадыбы» – деп элди күлдүрчү дешет.
  1. Корголдун кызы Турсункандын эскерүүсүнөн: Атам Коргоол 14–15ке карап, ыр-күүгө болгон кумарлануусу тынч тык бербей турган кези. 1897-жылы жайында чоң атам (Досу) атамды (Коргоолду) Тегенедеги Ныязаалы комузчуга алып барат.
  • Ныяз аке, менин ушул жаман сарым ыр-күүгө шыктуу чыкты. Биз болсок, Кетмен-Төбөдөн Токтобекке, Калыбай бийге көчүп келгенбиз. Өзүм билген ыр-күүл өрүмдү бүт үйрөтүп койдум. Өзүңүз сыяктуу чоң өнөрпоздун алдынан өтсө дегенде эки көзүм төрт. Отун алдыр, от жактыр. Жигит кылып ээрчитип, атыңды токут. Баламдын сөөгү меники болсо, эти сеники. Акысына өнөрүңдү үйрөт, комузуңду бер, ошого ыраазымын. Тууганбыз, – деп таштап кетет.
  • Болуптур, Досу, билгенимди аябайын, Коргоол үчүнчү балам болсун,– деп алып калат. Ныязаалы комузчу атам Коргоолду Аксыны аралатып эл-жер менен тааныштырат. Өзүнүн өнөрүн, комузчулуктун жазылбаган үлгүсүн үйрөтөт. Акырындап топко да алып чыга баштайт. Дээринде бар уул тез эле устатынын айткандарын аткарып, көөдөндөгү ыр-күү булагынын көзү ачыла баштайт.

Ныязаалы бир жылдай шакиртин ээрчитип жүрүп, нускасын берип, алдына кунан мингизип, үйүнө жөнөтөт» («КМ» гезитинен).

Атагы ар жагы Таласка, бер жагы Түштүктү түрө кыдырган улуу күүчү Ныязаалыга алыстан ат арытып, жөө-жалаңдап барышкан эчен шайырлар (Токтогул, Кор гоол, Эркесары, Шекербек, Серектер) устатынан күү өнөрүнөн таалим-тарбия алышса, айрымдар өнөр-сынак таймаштарынан өтүшүп (Айдараалы, Майлыбай…) чыгармачылыктын кемтиктерин толтурушкан.

Айдараалы кадимки «Жөргөлөк» күүсүн Ныязаалыдан кадыр-колкого сурап алган деген да сөз бар. Токтогул деле «Жөргөлөктү» Ныязаалыга энчилеп бекеринен ырдаган эместир.

Ныязаалы жөргөлөк. Кысталышка келгенде, Айтар сөзү ар бөлөк.

                                                                                    («Токтогул», I том)

Майлыбай менен Ныязаалы чертишип, жеңиш Ныязаалыга ыйгарылганында:

Сары алтын Аксы жерденсиң, Сан урук саруу элденсиң. Саргалдак Майлыбайды Таласта, «Санат күү» менен жеңгенсиң.

Болгон-Тоо – Бозбу арасы Борош чалдын баласы, – деп, Токомдун айтканы бар.

                                                                                              («Токтогул», I том)

Айтышарга теңи жок акындардын Жеңижок, тоо булбулу Токтогул, аспапчылардын атасы Ныязаалы – үчөө дайыма бирге болушкан. Ныязаалыдан күүнү, Жеңижоктон төкмө лүктү, Токтогулдан «Кербезди» талашпай, үч залкар чыгармачылыктын өз чыйырында өнөрлөрүн өркүндөтүшүп, өмүр өтөшкөн. Токтогул Шиберден келгенден кийин Тампагар кыштагына барып, Ныязаалынын үйүнө түшөт. Ныязаалы үйдө жок эле. Илинүү турган комузду алып чертип: «Кечкисин келермин» – деп Токтогул аттанып кетет. Ныязаалы комузунун башка буроого толгонуп калгандыгын байкайт да: «Биз тарапта «Чоң кербезге» бурап эч ким комуз чертпейт. Токтогул келген тура» – дейт да атын минип, жолоочу кеткен тарапка чабат. Кечүү кыштагынан айтканындай Токтогулга жолугуп учурашып, кучакташып көрүшкөн экен.

Сөздүн кыскасы, күнү бүгүн чертилип, күүчүлөрдүн ышкысын арттырып, кайрыктар казанында кайнап келаткан күү мурастарынын эчени: «Арсар күү», «Кер толгоо», Сары барпы», «Карача торгой Кайбылда», «Карөзгөй», «Ныязаалы жөргөлөк», «Чоң Ормон», «Санат күү», «Насыйкат», «Камбаркан», «Короо күзөтүү», «Солтон Сары», «Сен дүйнө», «Терс кайрыш», «Ак куу менен мерген», «Өттү-кетти балалык», «Туу-туу, турумтай», «Кыз-келиндин шайыр күү» ж. б. Ныязаалынын бай репертуары устаттан шакирттерине оошо берип, варианттан вариант тар жаралып, «ээлик күүлөр» энчисинде көркөм чыгармачылыгыбыздын казынасын кампайтууга салымын кошо алды.

Ныязаалы 1856-жылы Аксынын Тампагар кыштагында туулган. 1941-жылы 85 жаш курагында о дүйнө салды.

Заманына бир келген залкар таланттын чыгармачылыгынын чымчым гана бөлүгүнө токтолдук окшойт. Өкүнүч түүсү, улуу күүчү өз учурунда көңүлгө алынбай, мезгил өткөн сайын унутта кала берип, карт тарыхтагы ордун издеп, карайлап калбасак болгону.

Өз убагында «Ныязаалы күүлөрдү» не кагазга (нотага) түшүрүп, не үн тасмага жазып калбай катачылыкты чоң кетирген экенбиз. Башкасын коёлу, сакалдуу башы менен олимпиадага өзү келип бергенде «не бар, не жок»… дегенге жарабаган «кыргызчылык» жармачтыгыбызды айтам да. Кароого сунуштаган күүлөрүн эле (айрым кабарда 8 номур (күү) аткарган) кайдыгерликке салбай жазып койгондо?! Карт комузчу кайтарда жашара түшмөк эмес беле.

Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбек уулунун көркөм чыгармаларында («Келкел» романы), музыка изилдөөчү Балбай Алагуш уулунун эмгектеринде, республикалык башкы архив башкармасынын кызматкери Айтмырза Чотон уулунун макалаларында, комузчулар Өзбек Рыспек уулунун, Саадабай Шабдан уулунун, акындардан Токтосун Тыныбек уулунун учкай эскерүүлөрүндө гана улуу комузчу жөнүндө утурлай сөз козголо калганы болбосо илим-маданият тармагы тымтырс. Идиректүү илимпоздордун ичинде гезит кабарчылыгына байырлап жүргөн жигиттерибиздин бири Абдыкерим Мурат уулу калайык-калк тын кабыргасын кайыштырган калыссыздыкка «Ныязаалы күүлөрүнүн арманы» атынан калайыкка кайрылуу жасаган. Ошону кайталап коюуну эп көрүп турам: Биринчи арман: «Актамак-Көктамак» аттуу айтылуу күүнү Ныязаалы чыгарган. Аттиң ай, ал күүдө Атайдын авторлугу калат да, Ныя заалы аты унутулган… Экинчи арман: Ныязаалынын шакирттеринин (Токтогул, Коргоол, Жеңижок…) мааракелери майрам катары өткөрүлөт, устаты болсо унутта кала берет, ал үчүн убайым тарткан бири жок. Үчүнчү арман: Куш абаз кайрыктарды («Сары барпы», «Боз чымчык», «Актамак-Көктамак», «Торгой менен турумтай»…) куп сайраткан «Кыргыз Эзопунун» күүсү турат, өзү жок… Төртүнчү арман: Күү залкардын өз колунан жазылбай калды кайрыктар, айла жок. Ата мурасын аздектей билген чоң комузчу Баатыркулдан (Ныязаалынын өз уулу) деле алып калчу аманат аз эмес эле. Аларыбыз кана?!

Оштуктарга рахмат, музыкалык окуу жайга алп күүчүнүн ысмын ыйгарды, айкелин орнотту.

Эсил Током (Токтосун Тыныбек уулу) толгонгондой алп комузчу Ныя заалынын арбагын козгой туралы:

Комуздан чыккан кадыры, Козгодум Ныязаалыны. Ар башка болот турбайбы, Адамдардын тагдыры. Колунан келбес баарынын, Комузга жорго салдыруу.

Куйкум, учкул сөз кошуп,

Кумарын элдин кандыруу.

Жашыңдан кылдың эмгекти

Жамааты Кыргыз жалпыга Ташкен, Кокон, Анжиян, Таң калчу эле даңкыңа. Улуу акын Токомо, Устат болдуң башында. Коргоол, Атай, Шекербек, Кошо жүрдү жашында.

Эркесары элдешиң, Эзелден бери жердешиң,

Ээрчип жүрдү кашыңда. Эскерип жаткан Токтосун, Эң кенжеси астыңда. Өлбөйсүң, аба, тирүүсүң, Өнөрүң калса артыңда.

 Асан КАЙБЫЛДА уулу

 

АДАБИЯТ ЖАНА МАДАНИЯТ ӨКҮЛДӨРҮ

ЖУСУП БАЛАСАГЫН

Дүйнөлүк тарыхтын ажыралгыс бөлүгү болуу менен миңдеген жылдар бою далай-далай урунттуу окуяларды өз башынан өткөргөн чоң аймагыбызда биздин замандын IX кылымында тоолук көчмөндөрдүн жана айрым отурукташкан элдердин жаңы мамлекети орноду. Кийинчерээк XIX кылымда аны тарыхчы В.В.Григо рьев (1816–1881) ошол мамлекеттин башкаруучуларынын ысмына байланыштырып, Карахандыктардын империясы деп атаган. Академик А.Кононовдун ою боюнча бул мамлекет Борбордук Азиянын кыйла бөлүгүн, айрыкча Чыгыш жана Батыш Түркстандын чөлкөмдөрүн ээлеп, ба тышта Амур дарыясына чейин созулуп, анын өкүм сүрүшү 890–1212-жылдарды өз кучагына камтыган.

Бул мамлекетти кимдер түзгөн, түркий тилинде сүйлөгөн сөздөрдүн кимисине таандык кылууга болот, мамлекетке баш ийген элдердин үрп-адаты, салт-санаасы, кесиби, тили, дини, жүргүзгөн чарбасы, колдонулган маданияты ж.б. сыяктуу толгон-токой маселелер ушул күнгө чейин айрым талаш-тартышты пайда кылып ке лүүдө. Ошондуктан мындай орчундуу маселелерди өз ырааты менен иликтесек.

XIX кылымда чыгыш тилиндеги бир канча баалуу булактар, окумуштуулардын айрым эмгектери менен али тааныша элек илимпоздору Ж.Дегинь, Х.Френ Карахандыктардын мамлекетин уйгурларга тиешелүү деп божомолдошуп, бирок эч бир далил келтире алышкан эмес. Ошол эле көрүнүктүү адис В.Григорьев Карахандыктардын династиясы, балким, уйгурларга таандык болсо керек деп божомолдоп, кийинчерээк бул маселеге тиешелүү мусулман өлкөлөрүндөгү жарык көргөн айрым китептерди, тарыхый булактарды иликтеп көрүп, мурда гы божомолдон баш тартып, бул династия карлук урууларына тиешелүү деп жазган.

Бөтөнчө белгилей кетүүчү нерсе, Карахан кагандыгын уйгурларга таандык деген бир да окумуштуу көз карандысыз мамлекеттердин чегинде жолукпайт. Тескерисинче, бул мамлекетти Теңир-Тоодо, Чүй боюнда, Ысык-Көл аймагында жашашкан тоолуктарга, көптөгөн көчмөн урууларына тиешелүү экендигин ырастаган далилдер, тарыхый фактылар, таасын чындыктар өтө арбын. Мисалы, окумуштуу Н.Аристов чыгыш элдеринин тилиндеги ондогон өтө баалуу булактарды изил дөө нүн натыйжасында Карахандыктардын көчмөн уруу болгон карлуктарга тиешелүү экендигин колдоп чыккан.

Көрүнүктүү чыгыш илимпозу, академик В.Бартольд эң оболу бул династияны көчмөн уруу болгон ягмаларга таандык деп эсептеп чыгып, бир канча чыгып булактар, авторлордун кол жазмалары менен таанышып чыккандан кийин Карахандыктардын мамлекетин түзүүдө эң башкы ролду көчмөн уруулар болгон карлуктар жана чигилдер ойногон деген тыянакка келген.

В.Бартольд берген маалымат боюнча, чигил уруулары Борбордук Теңир-Тоонун, Жети-Суунун негизги калкын түзгөн. Ал эми «Худуд аль аалам» (Дүйнөнүн чеги) аттуу фарсы тилинде жазылган, автору белгисиз болгон кол жазмада чигилдер Ысык-Көл ойдуңунда жашагандыгын ырастайт, ал эми чыгыш автору Гардизи да чигилдердин Көл кылаасынын булуң-бурчунда жашагандыгы тууралуу маалымат берет.

Азыркы учурдагы көрүнүктүү украин окумуштуусу, чыгыш илимпозу, Карахан мамлекети боюнча көрүнүктүү адис, тарыхчы О.Прицак чыгыш элдеринин тилинде жазылган бир канча булактардагы маалыматтарга, ошол учурдагы ири окумуштуулар: Жихаз, ибн аль Факих, Гардизи ж.б. илимий тыянактарына таянып, Карахандыктар карлуктар уруусунан чыккандыгын, ал гана турсун карлуктар өлкөнү башкарып турушкандыгын, бийлик башчылары өзүлөрүн каган деп аташкандыгын далилдеген.

Карахандыктардын көчмөн болуп тоо тарапта жашагандыгын жана карлук уруусуна тийиш экендигин окумуштуулар С.Кляшторный (Санкт-Петербург), түрк окумуштуусу Мехмет Фуад Кепрюлю (Түркия) да колдоп чыгышкан.

Ушул көз карашты толук колдоо менен көрүнүктүү илимпоз, кыргыз тарыхчысы Ө. Караев минтип жазган: «Борбордук Тянь-Шандан (Теңир-Тоодон) чыккан көчмөн уруулар чигилдер, карлуктар, ягма, тухсилдер ж.

б. биримдигине таянып, Карахандыктар өз мамлекетин тү зүшкөн».

Жазма булактар жана окумуштуулардын көз караштары боюнча мына ушул аталган көчмөн уруулар: ягма, тухси, чигил, карлук кайсы элге таандык деген суроо туулат. Бизге жеткен фактыларды иликтеп көрсөк, алардын жайланышкан жери, жүргүзгөн кесипчилиги, турмуш-шарты, үрп-адаты, салт-санаасы ж.б. боюнча алар кыргыздарга таандык, кыргыздардын ата-бабалары болгон, кыргыз эли түзүлгөн мезгилде бул уруулар жуурулушуп кетип, бир элди – кыргыздарды түзүшкөндүгү талашсыз маселе.

Ошентип, тээ байыркы учурдан бери кыргыздар өз мекенинде: түштүк жагы Памир, Алай, чыгыш жагы Чыгыш Түркстанды кошо, батыш жагы Исфиджаб, Чач шаарла ры, Аму дарыясы, түндүк жагы Түштүк Сибирге чейинки мейкинде көчмөн эл болуп саналат. Алар жашаган аймактын чордону байыркы жана орто кылымдардагы жазма булактарда, окумуштуулардын жазып калтырган күндөлүк, атайын эмгектеринде өтө таасын көрсөтүлгөн.

Мисалдан, жогоруда сөз болгон «Худуд аль аалам» (Дүйнөнүн чеги) берген маалыматты азыркы чек арабыз менен салыштырып көрсөк, карлуктар Чүй өрөөнүнүн көпчүлүк бөлүгүн, кыргыз Ала-Тоосунун түндүк жана түштүк аймактары, Ысык-Көл кылаасынын айлана-тегерегин, Борбордук Тянь-Шанды, Чыгыш Түркстандын көп райондорун ээлеп турушкан.

Орто кылымдагы араб саякатчысы Кудама ибн Жафар карлуктардын жайлоосу Тараз шаарына чейинки чөлкөмдү ээлеп турган деп көрсөткөн. Ал эми аль Истахри болсо: «Карлуктар тоодо жашап, аскер иштери менен алек болуп, Тараз, Исфажабдан Ферганага чейинки чоң аймакты ээлеп туру шат», – деп жазган.

Орто кылымдын окумуштуусу Гардизи карлуктардын чоң уруусу чигилдер деп эсептейт, алар эки чоң аймакты Чүй боорун жана Ысык-Көлдүн айланасын ээлеп турушкан деп көрсөткөн. Өзүбүздүн жердешибиз, кыргыз перзенти орто кылымдагы улуу ойчул, ысык-көлдүк окумуштуу Махмуд ибн Хусеин (аль Барскани) чигилдерди үч бөлүккө,  биринчиси, Тараздын тоо бөлүгүндө, экинчиси, Барсханда (азыркы Барскоон айылы), үчүнчүсү, Кашкарда жашашат деп белгилеген.

Ал эми биринчилерден болуп тарыхчы Ө. Караев мусулман авторлорунун жана чыгыш илимпоздордун илимий эмгектерин талдап чыгып, бул мамлекетти бийлегендер чигил же жикилдерге таандык болгон деп тыянак жасады. Ошентип, биздин оюбузча, орто кылымдарда түзүлгөн карахандыктардын мамлекети бул кыргыздардын дөөлөтү, алардын мамлекеттүүлүгүндөгү чоң баскычы болуп саналат.

Ошентип, эң башкысы кыргыздар жана түркий тилде сүйлөгөн башка элдер тарабынан түзүлгөн карахандыктар мамлекети батыш тарапка кеңейип, Шаш, Самарканд, Бухарага чейинки чоң аймактарды жеңип алып, өз чөлкөмүн өтө кеңейтти. Ал гана турсун самандыктар династиясынын жа шоо сун токтоткон жана башка саясий күрөштөргө өтө активдүү катышып, 1212-жылга че йин бирдиктүү мамлекет катарында өкүм сүргөн. Ал эми 1212-жылы Карахан династиясынын эң акыркы башкаруучусу Кылыч Арслан каза болгондон кийин, анын мамлекетинин бардык чөлкөмдөрү Хорезм шахтарына карап калган, мамлекет катары өз жашоосун токтоткон.

* * *

Бизге чейинки жеткен жазма булактарда, окумуштуулардын айрым жазма эмгектеринде Жусуп Баласагындын өмүрү жөнүндө так маалыматтар кезикпейт. Бирок эң кубанычтуу нерсе – ал өзүнүн дастанында кай жерде туулгандыгын, өз элинин кесипчилигин, тилин так айтуу менен көркөмдөп жазган төрт сапта өзүнүн өмүр баян ын бере алган:

«Эске тут бул китепти жазып койгон. Ардактуу сыпаа сөзмөр адам болгон. Күзөрдө анын туулуп, өскөн жери, Жатык тил, учкул сөздүү туулган эли».

Ак кагазга кара тамга менен басылып, өз колу менен жазылган мындай маалыматты эч ким танып кете албайт. Акын бабабыздын бул саптарында көңүл буруучу төмөнкүдөй жагдайлар жолугат. Биринчиси, жазылган китептин автору эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон, ардактуу адам болуп, эл тарыхын, жер тарыхын мыкты билген, калың калк арасында өз билгендерин көркөм сөз менен жеткире алган сөз чебери болгондугу билинип турат. Экинчиден, анын туулуп чоңойгон, эрезеге жеткен, киндик каны тамган мекени Күзөрдө экендигин акын сыймыктануу менен айтып жатат.

Күз ордо көчмөн кыргыздар отурукташып, кыйла көп урууларды баш коштурган мамлекет түзүлгөндө, бул жер Баласагын шаарына айланат. Баласагын шаары болсо дүйнөлүк илимде эчак эле далилденгендей (А. Бернштам, В.Бартольд, Н.Маллаев, А.Абитеков, Ө. Караев ж.б.) азыркы Чүй районундагы Ак-Бешим кыштагынын ордунда болгон.

Белгилей кетчү нерсе, улуу ойчул Күз ордо же Баласагын жөнүндө өз дастанынын бир канча саптарында эскертип жазып кеткендиги. Дастандын кара сөз түрүндөгү киришүүсүндө Күз ордонун экинчи ысмы Баласагын шаары экендиги жөнүндө маалымат жолугат. Жусуп минтип жазган: «Бул китепти жазган баласагындык такыба, сыпаа киши. Ал китебин Кашкарда бүтүрүп (Кашкар шаары ал учурда кыргыздар түзгөн Караханийлер дөөлөтүнө баш ийип турган – З.Э.). Чыгыштын өкүм дары Тавгач хандын (кыргызчасы Тамга хан –З.Э.) ордосуна тартуу кылды».

Мына ушул шаарда акын жарык дүйнөгө келген. Кайсы жыл экендиги жөнүндө так маалымат жок. Анын өз дастанында, бул дастанды аяктаганда ал элүү жашта экендигин төмөнкүчө эскерткен:

«Карып калдым элүүдө менин жашым, Капкара кундуз эле, ак куу башым».

Ал эми өз дастанын он сегиз айдын ичинде тынымсыз иштеп отуруп, хижира жылынын 462-жылы аяктагандыгын автор көркөм сөз каражаты менен төмөнкүчө берген:

Төрт жүз алтымыш экинчи эле,

Бүткөн кылым, тизмектеп сөздү эми,

Он сегиз ай ичинде жазып бүттүм,

Терип сөздүн асылын келсе жөнү,

Оо, Жусуп, жалаң чындык сөздү сүйлө, Калпыс сөздү катып сал, бузат сени.

Демек, формалдык логиканын мындай ченемдүүлүгү менен ойлонуп көрөлү. Хижира жылдын 462-жылы азыркы Григорий жыл санагы боюнча 1069–1070-жылдарга туура келет. Эгер дастан аяктаган 1069-жылы, өзү көрсөткөндөй, ал элүү жашта болсо, анын китеби жарык көргөн жылдан элүүнү алып салуу керек. Демек, улуу бабабыз, биздин жыл санак боюнча 1019–1020-жылдарда туулган болот.

Ал эми түркиялык окумуштуу А.Дилачар Жусупту 1018-жылы туулуп, ал эми 1068-жылы Кашкарда жүрүп, 1069-жылы өз дастанын жараткан деп эсептейт. Ошентип, акын биздин жыл санак боюнча 1019–1020-жылдары туулуп, акын билим алып, эрезеге жеткен учуру карахандыктардын мамлекетинин өз алдынча болуп түптөлүп, Мавераннахрда Орто Азиядагы ири мамлекет катарында чыңдалып, ислам дини эчак эле мамлекеттик статуска ээ болуп, чоң чөлкөмдүн батыш жана чыгыш түштүк бөлүктөрүн көз каранды кылууга жасаган аракеттердин тушуна дал келди. Алгачкы билимди өзү туулуп өскөн Баласагын шаарында алып, кийинчерээк өз билимин Чыгыштын бир канча шаарларында өркүндөткөн. Аны акындын жазган дас таны көрсөтүп турат. Ал бир канча илимдердин тармагын мыкты өздөштүрүү менен эң башкысы мамлекетти башкаруунун жол-жоболорун, анын ички мыйзамченемдүү багыттарын, калың эл катмарын түзгөн мал баккан малчылар, жер айдаган дыйкандар, колунан көөрү төгүлгөн өнөрчүлөр – уздар, килемчилер, отунчулар, жер шарын кыдырган соодагерлер ж. б.алардын мамлекетке болгон мамилеси тууралуу баяндама берүү зарыл болгон.

Ошондуктан Жусуп тарабынан дүйнөдө теңдеши жок өз дастаны – «Кут билимин» кыргыздардын жаңыдан түптөлүп, өнүгүп жаткан Карахан мамлекетинин башкаруучусуна атайын белги катары тартуулашы да кокусунан эмес. Ток этер жерин айтканда, Аскар Бекбо жазгандай, өз учурунун өзгөчөлүгүн аңдай билген ойчул катары Жусуп Баласагын чыгарма аркылуу теги көчмөн (кыргыздардан турган – З.Э.) карахандыктар династиясынын өлкөнү башкарууга үйрөтүү максатын да көздөгөн.

Жусуп Баласагындын жаңы дастан аркылуу орто кылымдардагы кыргыз мамлекетинин алдындагы оор жүгүн аркалоо менен өтө чоң милдетти аткаруу маанисин залкар жазуучубуз, орошон ойчулубуз Т.Сыдыкбеков мындайча түшүндүргөн: «Акылман хан менен бектин, аларды тоюндурган ашпозчунун, баатыр жол башчы менен катардагы жоокердин, дегеле дыйкан менен малчынын, өнөрман менен соодагердин, сугатчы менен суу, багбан менен жемиш дарагына чейин эрди-катын, ата-баланын мамилелерине чейин, адеп-ахлактын ар бир тамырын, үлгүсүн, таалимин, таасирин, коомдук түзүлүштүн мыйзамын, тартип-эрежесинин калк аралык мамилелерин, ал тургай кайсы чөйрөдө кандай тамак-ашты ичишти, адам өз боюн кандай алып жүрүштү бакылдап сүйлөбөй, какырынып түкүрүнбөскө чейин насаат айтып, адептүүлүктүн жибек учугун ынандырганга чейин баяндаган соң, Жусуп Баласагын «Куттуу билимин» бийликтин бийлигине тартуулады».

Ошентип, китеп Карахан мамлекетинин падышасы Бууракан Тамга Карахан Аалы Асанга ыйгарылды. Мындай баалуу белеги үчүн Аалы Асан Жусуп Баласагынга ошол учурда колдонулуп жүргөн жаңы титул, сый даража болгон «Хас-хажиб» наамын берди. Бул болсо өкүмдардын «жөлөгү», акыл, кеңеш берүүчү адам же эшик ага деген маанисин түшүндүргөн. Кыргыздарда ушул күнгө чейин чоң аш-тойлордо кадыр-баркка ээ болгон белгилүү, акылман, сөзмөр, иш билги, маселени кыска мөөнөттө так аткара алган адамдардан эшик ага, эшик башы коюп коюшат эмеспи. Эми азыноолак сөз дастан жазылган тили жөнүндө болсун.

«Куттуу билим» дастаны жана ал жазылган тилди окуп үйрөнүү Европа өлкөлөрүндө XIX кылымда эле башталган болчу. Бизге жеткен маалымат боюнча 1825-жылы француз окумуштуусу Амадей Жобер ошол мезгилде Европа өлкөлөрүндө эң көрүнүктүү илимий журнал болуп саналган «Азия журналына» дастандын Вена нускасы боюнча маалымат берип, дастандын бир канча үзүндүлөрүн француз тилине которуп жарыялаган. Бөтөнчө белгилей кетүүчү нерсе, дастандын бул үзүндүлөрү биз мурдараак сөз кылган уйгур тилине көчүрүлгөн дастандын айрым бөлүктөрү эле. Ал эми 1870-жылы ушул эле нуска боюнча венгер Чыгыш илимпозу А.Вамбери дастандын чоң бөлүгүн немец тилинде басып чыккан. Немец тилинде жарыяланган мына ушул үзүндүлөр менен көрүнүктүү чыгыш илимпозу В.Радлофф (Радлов) өтө кызыгып калып, өз өмүрүнүн жыйырма жылдан ашуун мезгилин бабабыздын мына ушул дастанын окуп үйрөнүүгө арн аган.

Мына ушул уйгур ариби менен көчүрүлгөн дастандын үзүндүлөрүн Радлов иликтеп көрүп, окумуштуулардан алгачкылардан болуп дастан жазылган тилди уйгур тили деп атаган. В.Радловдун мындай божомолдоосуна башкы себеп – А.Вамберинин Герат кол жазмасы боюнча дастандын уйгур тилине көчүрүлгөн нускасы (түп нускасы эмес) болгон. Ошондуктан В.Радлов алгачкы учурда дастан жазылган тилди уйгур тили болсо керек деп божомолдогон. Анын мындай пикирин С.Малов, И.Баскаков убактысынча колдоого алышкан. Чындык үчүн бир нерсени эскерте кетели: В. Радловдун дастанды изилдөөдө колдонгон грамматикалык ыкмасын жана даст андын тили боюнча пикирин даниялык илимпоз В.Томсен колдогон эмес. Ал эми окумуштуу М. А. Щербак чындыкка бир аз жакындап келип, дастандын тилин карлук тили деп атаса, профессор Э.Тенишев дастандын тилин карахан-уйгур тили деп, хакан же бууракан адабий тилин түшүнгөн. Дастан боюнча иштеп, өтө көп эмгек сиңирген Г.Благова дастан жазылган тилди бири-бирине сиңип кеткен карлук-кыпчак тили деп эсептесе, дастан боюнча кандидаттык диссертация жактаган А.Валитова бул тилди карахан тили деп атаган. Ал эми Э.Наджип болсо дастанды: «Карлук-уйгур тилинде» –  деп божомол догон.

Албетте, жыл өткөн сайын, айрыкча дастандын жаңы нускалары табылган учурда, аларды бири-бирине салыштыруу, ар бир нускага грамматикалык жактан анализ берүү, дастандын тили боюнча жаңы илимий нуктарды, илимий тыянактарды пайда кылды. Бул иште жаңы нук кайра эле В.Радловго таандык. Өжөрлүк менен жыйырма жылдан ашуун «Куттуу билим» дастанынын үстүндө иштеп, анын ар бир сөзүн тексттери, сөзү менен салыштырып, айрыкча орхон, рун жазууларын (аларды көрү нүктүү адис, илимпоз С.Малов кыргыз жазуулары деп атаган болчу) терең иликтеп, В.Радлов «Куттуу билим» дастаны уйгур тилинде жазылган деген божомолдоодон толук баш тартат. Бул жөнүндө ал минтип жазган: 1891-жылга чейин мен А.Вамберинин көз карашы менен макул болуп, «Куттуу билим» дастаны байыркы уйгур тилинде жазылган деген пикирди колдочумун. Эми болсо дастан уйгур тилинде эмес экендигине толук ишендим, бул оюма төмөнкү эки нерсе себеп болду. Биринчиден, дастанда уйгур деген сөз бир да кездешпейт же алардын салт-санаасы, үрп-адаты, кесиби жөнүндө сөз болбойт. Экинчиден, бул дастан өз эне тилинде жазылган биринчи китеп экендигин көрсөтүп турган Жусуп Баласагындын сөзү күбө боло алат. Айтса-айтпаса төгүнбү. Жусуп Баласагын «Куттуу билим» дастанында минтип жазган:

Китеп көп араб, фарсы тилдеринде Бул китеп, эң биринчи биздин тилде.

Илимпоз В.Радлов мына ушул саптардын негизинде дастандын уйгур тилинде жазылбагандыгын далилдеп жатпайбы. Дүйнөгө даңкы чыккан чыгыш илимпозу «Куттуу билим» дастаны боюнча бир канча баалуу ойпикирлерди айтуу менен дастандын акыркы мезгилдерде табылган Каир жана Наманган нускалары менен үзүрлүү иштеген окумуштуу В.Бартольд болгон. Ал дастандын тили боюнча талаш-тартыш маселеге акыркы чекитти коюп, минтип жазган: «Карахандыктар теги боюнча уйгурларга жатпайт, «Куттуу билим» дастаны уйгур тилинде жазылган эмес». В.Бартольддун дастандын тили боюнча мындай көз карашы эчак эле илимий адабиятта кабыл алынып, бул пикир окумуштуулар арасында толук бойдон кубатталып, аны академиктер Б.Юнусалиев, профессорлор К.Артыкбаев, А.Абдуразаков, З.Эралиев тарабынан колдоого алынган.

Дастанды ошол учурундагы мамлекеттик тил болгон бууракан тилинде, (окумуштуу Э.Тенишевдин ою боюнча) же ушул мамлекетте көпчүлүктү түзүп турган кыргыз элинин тилинде жазуу чоң эрдик, өз элине кызмат кылуу болчу. Бул учур кыргыз окумуштуусу А.Бекбо тарабынан мындайча сүрөттөлгөн: «Ырасын айтканда, эмгектин жаралышынын негизги себепт еринин бири – эне тилге карата ойчулдун назик сезими, патриот туулугу.

Ошентип, дастандын автору Жусуп Баласагын жазгандай: «Бул дастан бууракан тилинде, түркий сөзү менен жазылган бүткүл Түркстандын жападан-жалгыз чыгарма болуп саналат» деген эскертүүсүн унутпасак. Антк ени бул тил мамлекеттик даражага ээ болуп, кыргыздар көпчүлүктү түзүп турган Карахан мамлекетинин тили болгон. Дастанды изилдөөчүлөрдүн бири профессор А.Кононов бул жөнүндө минтип айткан: «Бууракан тили карахан державасындагы (932–1212) кенен жайылган жазма-адабий тил, ал ошол мезгилде бийлик жүргүзгөн Тамга Кара Буура хандын мезгилине туура келет, менин оюмча, «буу ракан тили хан тили деп айтылган тилге дал келет, ошонун өзү». Ал эми бул тилди Махмуд Кашгари: «Укканга жагымдуу, өтө таза, накта тоолуктардын тили» –  деп эсептеген. Ушул фактынын өзү эле дагы бир жолу дастандын тили орто кылымдардагы, Карахан мамлекетинин учурундагы кыргыз тилинде жазылгандыгын таас ын далилдеп турат.

Дастандын тили орто кылымдардагы түптөлүп, өнүккөн Карахан кагандыгынын көпчүлүгүн түзүп турган кыргыздардын тили болсо керек деген божомолдообуздун дагы бир чоң далили төмөнкүчө. Ошол учурдагы түркий тобуна кирген тилдерди аймак-аймак боюнча бөлүштүрсөк, кыргыз тили тилдердин түштүк тобуна кирет. Дастанды изилдөөчүлөрдүн бири азыркы Туркия мамлекетинин окумуштуусу А. Дилачар: «Куттуу билим» дастанынын тилин мына ушул топко кийирген. Кыргыз тили ушул топко кошулат. Жыйынтыктап айтканда, улуу дастан «Куттуу билимдин» тили азыркы күндөгү түркий тобуна кирүүчү бардык элдердин тилине өтө жакын болуу менен бүгүнкү кыргыз тилинин түпкү уюткусу, пайдубалы болуп саналат, мындай тыянак аша чапкандык болбойт. Албетте, дастан жаралгандан бери миң жылга жакын убакыт өттү. Дастандын тили академик Т.Сыдыкбеков жазгандай: «Мурдакы кеп-сөзүбүз, ошол замандагы мүнөздү айкын-ачык элестете бергендей баалуу дүйнө, улуу мурасыбыз».

Азыркы кыргыз тилинин башаты мына ошол жазма бу лак түрүндө биздин күнгө чейин жетип келген улуу дас таныбыз «Куттуу билим» үлгүлүү нуска болуп са налат.

* * *

Дастандын эң алгачкы кол жазмасы XIX кылымдын 20-жылдарында табылган, бул кол жазманы Герат жана азыркы күндө анын сакталып турган жери боюнча Вена нускасы деп атайбыз. Бул нускадан көчүрмө XV кылымда Герат шаарында жазылып, «Куттуу билим» дастанынын башка нускаларына салыштырганда өзгөчө бөтөнч өлүктөргө ээ, аларга структуралык түзүлүшү боюнча да анчалык окшобойт. Эң башкы бөтөнчөлүгү – дастандын түпкү нускадан көчүрүлгөн эң алгачкы (мезгили боюнча– З.Э.) көчүрмөсү. Ошондуктан окумуштуулар тарабынан көбүрөөк изилденген, дастандын негизги багыты, маңызы, мааниси боюнча көбүрөөк талаш-тартышты пайда кылган нуска мына ушул көчүрмө.

Кубанычтуу нерсе – бул кол жазманын арты жагында нусканын кыскача тарыхы тууралуу маалымат бар экендиги. Буга ылайык кол жазма хижира жылы боюнча 843-жылы, мухарам айынын 4-числосунда, ал эми азыркы календарь боюнча 17-июль 1439-жылы көчүрүлүп бүткөн. Көчүрмөнү жүзөгө ашырган адам Хасан Кара Саил болгон, теги боюнча уйгур болсо керек. Анткени көчүрмөнү бул: «Кол жазманы уйгур ариби менен өз тилине көчүрдүм» – деп жазган.

Тарых тактыкты сүйөт, тарых үчүн, адилеттүүлүк үчүн айта кетели. Ошентип, бул дастандын кол жазмасы жазылып бүткөндөн кийин 369–370-жылдар өткөндөн кийинки уйгур арибине жана уйгур тилине которулган көчүрмөсү, айрым окумуштуулар белгилегендей, түп нуска эмес.

Мына ушул кол жазма менен таанышып, анын тексти аркылуу илимий иштер жүргүзгөн айрым окумуштуулар дастанды уйгур тилинде жазылган деген туура эмес пикирди айтышкан, башка кол жазмалары менен таанышкандан кийин мындай жаңылыш ой-пикирден, тыя нактан баш тартышкан. Анткени бул чыгарма көчүрүлгөн кол жазма гана түп нуска эмес болчу.

Бөтөнчө белгилей кетүүчү нерсе, «Кут билим» дастаны илимий чөйрөдө эң оболу мына ушул кол жазма аркылуу изилденип, дүйнөгө маалим болгон. Мисалы, 1825-жылы француз окумуштуусу А.Жобер «Азия» журналына «Кут билим» дастаны жөнүндө кененирээк маалымат берип, дастандан үзүндү жарыялап, француз тилине которгон. Албетте, бул эң алгачкы басылма болгондуктан айрым мүчүлүштөрү, көз жаздымда калган маселелер болгондугун моюнга алуу керек. Бирок окумуштуу А.Жобердин дастан жөнүндөгү бул кабарын коомчулук өтө кызыгуу менен кабыл алган. Немец окумуштуусу Г.Флюгель дастандын аталган үзүндүсүн Падыша китепканасынын Чыгыш кол жазмаларынын коллекциясын түзүү дө пайдаланган. Ал эми орус окумуштуусу, чыгыш таануучу И.Н.Березин

«Куттуу билимдин» бул бөлүгүн «Чыгыш элдеринин адабияты» боюнча хрестоматияга пайдаланса, Казань университетинин профессору Н.И.Ильминский дастан боюнча студенттерге лекция өтүп, А.Жобердин вариантын Казань университетинде жарык көрүүчү окумуштуулар Запискасына атайын эмгек катарында жарыялаган. Бул кол жазманы окуп үйрөнүүдө венгр окумуштуусу Г.Вамбери да чоң эмгек сиңирген. Ал 1870-жылы дастандын чоң бөлүгүн немец тилине которуп, түшүндүрмө сөз жазып, атайын китеп түрүндө басып чыккан.

«Кут билим» дастанынын дагы бир нускасы Каир кол жазмасы. Аны 1897-жылы Чыгыш элдеринин жазма эстеликтерин изилдеп жүрүп, немец окумуштуусу, чыгыш илимпозу А.Мориц тапкан. Кол жазма тарыхта Каир (Египеттин борбору) нускасы деген ат менен белгилүү. Бул кол жазманы Герат же Вена варианттары менен салыштырганда бир канча мүнөздүү бөтөнчө лүктөргө ээ экендигин баамдоого болот. Эң оболу кол жазма араб ариби менен жазылган, дастандын тили, адис тердин ою боюнча өтө так берилген, чыныгы, нак та тоолуктардын түркий тилинде жазылган. Кош сап ырлар өз ырааты менен берилген.

А.Морицтин пикири боюнча, кол жазма эң алгачкылардан болуп саналат, анткени кол жазмадагы колдонулган араб тамгалары XI жана XII кылымдардагы колдонуу эрежелери менен берилген. Каир нускасында дастандын бет ачары кара сөз түрүндө жазылып, дастандын авторунун ой-пикири толук бойдон келтирилген. Окумуштуулар С.Малов, Н.Маллаев жана ушул саптардын авторунун пикири боюнча бул бөлүм Жусуп Баласагын тарабынан өз колу менен жазылган. Бул бөлүмдө автор өзүнүн кыскача өмүр баянын берүү менен дастандын кимге арналгандыгын, кантип жазылгандыгын, эл арасында чоң урмат-сыйга ээ болуп, дастан көпчүлүк окурмандардын сүймөнчүлүк менен мамиле кылган баалуу китеп болгондугун сыймыктануу менен жазган. Кыскасын айтканда, бул кол жазма түпкү нускага өтө жакын, бизге жеткен кол жазмалардан эң үлгүлүүсү дастандын толук берилиши камтылган. Ошондуктан көрүнүктүү чыгыш илимпозу В.Радловдун сунушу менен Петербург илимдер академиясынын музейи үчүн дастандын Каир нускасы атайын көчүрүлүп (факсимилөө) алынган. Бул кол жазма менен В.Радлов жыйырма жылдан ашуун иштеп, кол жазмадагы айрым даректерди фарсы, араб, түркий тилиндеги башка булактар менен салыштырып, терең иликтөө жүргүзгөн.

Ошондуктан мурдагы көз караштан баш тартып, В.Радлов минтип жазган: «Баласагын шаарынын перзенти катарында дастандын автору өз дастанын араб ариби менен жазган, уйгурлардын жазма тили эч кандай таасир көрсөтө албаган» .

Кол жазманын үчүнчү нускасы – Наманган кол жазмасы. Аны илим чөйрөсүндө Фергана кол жазмасы деп да коюшат. Кол жазманы Наманган шаарынан 1913-жылы Чыгыш илимпозу Ахмед Заки Валидов ошол учурдагы белгилүү ойчул Лалориштин менчик китепканасында тапкан. Бул нуска тууралуу алгачкы илимий божомолдоо, тыянактар жана иликтөөлөр Өзбекстанда жарык көрүүчү «Моариф» (Агартуучу) журналында жарыяланган. Наманган нускасынын бөтөнчөлүктөрү: Каир нускасы сыяктуу эң алгачкылардан болуп ХI–ХII кылымдарда көчүрүлгөн. Түп нускага өтө жакын, араб ариби так берилүү менен ар бир сүйлөм так жазылып, кош саптар даана, түшүн үктүү баяндалган. Айрым сөздөр: бограхан, хакани тилинде кандай айтылса, өзгөртүлбөстөн так берилген.

Мисалы:

Элик этти, тузду, байыды будуң.

Бөрү, кой била суулады одун.

(Башкаруучу кыйла иш жүргүзүп, өз элин түздү, калк байлыкка ээ болду. Кой менен бөрү бир булактан суу ичти.

Мааниси боюнча которгон – З.Э.)

Же болбосо:

Буларга катилгил каририл өзүн, Тилин якши созла, ачык тут жүзүң. (Буларга көңүл бөл, каралаш өзүң,

Жакшы тил менен сүйлө, жаркырап жүзүң.   (Которгон – З.Э.)

Мына ушул далилдердин өзү эле дастандын эң оболу уйгур тили жана уйгур ариби менен жазылбагандыгын далилдеп турат. Бул нуска жөнүндө изилдөөчү Ахмед Заки Валидов атайын маалымат калтырган эмес. Бирок бул нусканын жазуусу өтө так болуп, араб ариптери даана, окууга түшүнүктүү болуп жазылгандыгын баса белгилөө керек.

Орустун көрүнүктүү чыгыш таануучусу Сергей Малов өз өмүрүнүн кыйла бөлүгүн мына ушул жогоруда атаган үч кол жазманы окуп үйрөнүп, бири-бирине салыштырып, алардын текстинин грамматикалык бөтөнч өлүктөрүнө чоң көңүл бөлүп, минтип жазган: «Каир жана Наманган кол жазмалары бири-бирине өтө окшош, жалаң гана жазылган араб ариби менен эмес, дастандын ички түзүлүш формасы боюнча да. Ал эми Вена же Герат редакция сы жогорудагы кол жазмадан айырмаланып турат. Бул нуска мусулман маданиятында уйгур жазуусунун (дастанды эмес – З.Э.) чоң эстелиги болуп кызмат кылат.

Ошентип, С.Малов дастандын уйгур тилинде жазылбагандыгын дагы бир жолу далилдеп, бул дастандын тамгасы орто кылымда өкүм сүргөн уйгур алфавитинин (тамгасынын) үлгүсү гана экендигин жарыя кылган.

Кубанычтуу жагдай, 50–60-жылдардын экинчи жарымында «Куттуу билим» дастаны боюнча атайын илимий изилдөө лөрдүн башталыш жылы болуп, дастан боюнча алгачкы кандидаттык жана докторлук илимий даража алуу үчүн окумуштуулар шымаланып киришти. Эң оболу москвалык аалым «Куттуу билим» дастаны боюнча өтө мыкты адис А.Валитова өз илимий эмгегин Жусуп Баласагындын өмүрү жана анын чыгармасы «Куттуу билимге» арнаган. Бул автордун ондогон илимий эмгектери окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Мына ушундай кандидаттык диссертациянын деңгээлинде жазылган илимий эмгектин бири өзбек окумуштуусу К.Каримовго таандык. Ал өтө чыгаан котормочу катарында кийинчерээк дастанды азыркы өзбек тилинде сүйлөткөн окумуштуу.

Илимий чөйрөнү кызыктырган дагы бир чоң багыт – бул Жусуп Баласагындын сөз куту, сөз байлыгы. Дастан жазылган мезгилден бери дээрлик миң жылга жакын убакыт өтсө да бизди таң калтырганы – анын көркөм сөзүнүн улуу касиети, кудурети. Азыркы күндөгү түркий тилде сүйлөгөн элдердин адабиятына тийгизген таасири, анын маанисин изилдөө окумуштуулардын көз жаздымында калган жок. Казакстандык илимпоз жана мыкты котормочу А.Егубаев  Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастаны жана анын казак адабиятынын өнүгүүсүнө тийгизген идеялык-көркөмдүк таасири» деген темада диссертация жактаган. Ал эми ушул эле илимпоз 1986-жылы аталган дастанды түпкү нускадан, арабча тамга менен жазылган байыркы түркий тилден (бууракан тили – З.Э.) азыркы казак тилине которуп, өзүнчө китеп түрүндө басып чыгарган.

Жусуп Баласагын өз дастаны аркылуу түркий сөздү дүйнөлүк аренага чыгарып, бул сөз өз мааниси, тереңдиги, көркөмдүгү, курчтугу, ойдун таамай айтылышы, бүтүм чыгарууга өтө оңой, ички мүмкүнчүлүктөрү бай жана жөнөкөй экендиги гана эмес, айтылуучу ойдун кыска, бирок өтө нуска экендиги боюнча да ошол учурдагы колдонулуп жүргөн араб, фарсы сөздөрүнөн өйдө болсо өйдө, бирок төмөн эмес экендигин дүйнөгө тааныткан, билдирген.

Жусуп Баласагындын жашаган доору жана анын «Куттуу билим» дастаны жөнүндө эң баалуу кабарлар, айрым ой-пикирлер, илимий божомолдорду жаш тарыхчы, коомч улукка аттын кашкасындай таанымал болуп калган чыгыш таа нуучу Т.Чороевдин илимий монографиясында жолуктурабыз. Белгилей кетүүчү нерсе, бул эмгек жогоруда аталган маселелер боюнча атайын жазылган иш эмес. Бирок китептин баалуу жактарын эске алып, айрым гана орчундуу нерселерге токтолгон.

Эң кызыктуу жери Т.Чороев араб, фарсы, түркий тилдердеги айрым булактарды иликтеп олтуруп, «Девондун» автору Махмуд Хусеин кандайдыр бир деңгээлде Жусуп Баласагынга өтө жакын тууган экендигин ишенимдүү фактылар менен далилдеген. Тыянактап айтканда, Т.Чороевдин бул эмгеги биз тараптан изилденип жаткан проблемага да чоң үлүш кошуучу чыгарма.

Албетте, мындай оор иште ар бир окумуштуу өз дараметине жараша илимге салым кошуп, аны толуктап, кошумчалап, жаңы көз караштарды улантып келишет. Алар жөнүндө үстүртөн болсо да билип алуу – жалпы окурмандар үчүн зарыл нерсе, абзел иш.

* * *

Эми Жусуп Баласагынга чоң таасир берип, көп тармактуу болуп өнүккөн орто кылымдагы Күнчыгыш маданиятынын айрым орчундуу бөтөнчөлүктөрүнө, өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетели. Эң оболу бул маданият дүркүрөп өнүгүп, тамыр жайып жаткан ислам дининин таасирине карабастан анын багыты, элди билим менен сугарууга, сабатсыздыкты жоюп, агартуу иштерине көбүрөөк көңүл бөлүүдө болгон. Мына ошондуктан, айрыкча табият таануу илимдери өнүгүп, жаратылышты үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Натыйжада, мурдагы басып өткөн мезгилдин маданиятын четке какпай, аларды терең үйрөнүп, анын баалуу жактарын колдонууга, айрыкча Индия, Иран, Кытай, Орто Азиядагы ж.б. ири илим, билим, маданият, традициясын кенен колдонушкан. Бул мезгилде илимде рационализм кенен пайдаланылып, акылэс чындыкка жетишүүдө башкы багыт болуп саналган.

Дүйнөнү таанып-билүүдө логика илими чоң усул катарында кызмат кылып, бул илим боюнча атайын эмгектер пайда болуп, антик окумуштуулардын илими жаңы деңгээлде, жаңы сапатта, чоң баскычка көтөрүлгөн. Коом дун өнүгүшүндө өзгөчө күч болуп кызмат кылган адам баласынын өз ара мамилесинде гуманизм идеясына сугарылуу, Ата Мекенге болгон камкордук, ал үчүн күрө шүү, эмгектенүү маселелери да жаңы нукка бурулган.

Жусуп Баласагынга чоң үлгү болгон, анын аалымдык таасирине туш болуп, эмгектерин түнү-күнү окуп, өз билими үчүн пайдаланган, ири мурас катарында берилип окуган мугалими өзбек элинин ири окумуштуусу Мухамед аль Хорезми. Мухамед аль Хорезми (781–850) улуу математик, астроном, географ, философ болгон. Көп сандаган илимий эмгектери бизге чейин жетпей калган. Негизги эмгектери: «Индия эсеби тууралуу», «Күн сааттары жөнүндө», «Музыка жөнүндө трактат» ж.б. Ал грек окумуштуусу Пифагордон кийин биринчилерден болуп ар түрдүү геометриялык фигураларды терең изилдеген: үч бурчтук, төрт бурчтук, көп бурчтук, айлана, пирамида, конус ж.б. грек окумуштууларынын жаңылыштыгын оңдогон, кошумча кошкон. Анын эң чоң эмгеги кыскартып алганда, «Китаб аль Жебр» («Туунду жөнүндө китеп») деп атаган. Кийинчерээк анын эмгектенүүсүнүн натыйжасында мына ушул аль Жебр сөзү алгебрага өтүп, бул илим математиканын өзүнчө бир тармагына айланган. Демек, аль Хорезми жаңы илим болгон алгебраны негиздеген, математикадан бөлүп чыккан.

Жусуп Баласагын аль Хорезмдин эмгектерин берилип окуган. Өз дастанында, айрыкча эсеп-кысапка токтолуп, алгебра илиминин маанисин терең түшүнүү менен өз мекендештерин улуу акын бул илимдерди өздөшт үрүүгө, аны турмушта колдонууга чакырган. Дас танга кайрылып көрөлү:

  • Билгиң келсе үйрөнгүн, татаал эсеп,               Билим жолу так эсеп жерден өтөт.
  • Көбөйтүүнү, бөлүүнү, бөлчөктү бил,               Татаал жолду баспасаң келбейт үзүр. 4380        Жакшы билгин катмардын эрежесин,              Санактан тамыр чыгар билип өзүң.
  • Аянттын өлчөмдөрүн так чыгаргын,                Жети катар асманды жердей айткын.
  • Алгебра жолдорун даана тапкын,

Евклиддин капкасын катуу каккын.

Жусуп Баласагын илимий мурасты терең үйрөнүп, анын ири окумуштуу катарында калыптануусуна чоң таа сир берген улуу ойчулдардын бири казак элинин улуу уулу, даанышман окумуштуусу, теңдешсиз аалым Абу Наср Фараби (870–950). Казак Республикасынын

Шымкент областына караштуу Сыр дарыянын боюндагы Фараб (Отрар) шаарында туулган. IX кылымдын биринчи жарымында Отрар шаары маданият менен кол өнөрчүлүк, сооданын борбору эсептелген ири шаарлардын бири болгондугу бизге маалым.

Жусуп Баласагынды окумуштуу катары Фарабинин коом жана коомдук түзүлүшү, мамлекет жана аны башкаруу, гумандуулук деген эмне, өлкөнү башкаруунун жолдору, бийлик башындагы инсан кандай болууга тийиш, анын айрым сапаттары жана бөтөнчөлүктөрү жөнүндөгү маселелери кызыктырган. Бул кокусунан эмес, анткени Жусуп Баласагын өз дастаны менен өлкөнү башкаруудагы жаңы нуктар, кыйынчылыктар жана ийгиликтер туур алуу кенен баяндама берүүгө, айрым практикалык сунуштарды көркөм сөз каражаты аркылуу жеткирүүгө умтулган, өз максаты да ошол болгон.

Өлкөнү башкаруу маселеси боюнча Жусуп Фарабиден да өтүп, көчмөн калкты башкаруу бөтөнчөлүгүнө көбүрөөк көңүл бөлөт. Бек жана увазир ортосундагы мамиле, өлкөдө өкүм сүрүүчү заң-закон, ыймандуулук деген эмне, акылдашып иш жүргүзүү эмнеге алып барат жана толгонтокой маселелерди ачыктан ачык коёт. Дастандагы айрым мисалдарга токтололу:

  • Бек билимдүү, адилеттүү ак болсун,                Даңкы чыгат, ар бир ишке так болсун.

Же болбосо:

  • А дагы болсо – жоомарт, акыл-эстүү,               Бийлиги жакшы болот, сүймөнчүктүү.

Жана дагы:

  • Бек болсун эң жөнөкөй токтоо кыял,               Жакынга кечиримдүү муюп турар.

Кулак төшөйлү:

  • Эгер ал бул иштерди көңүлгө алса,                  Адилет заң жаратат адамдарга. 2172     Кайсы жерде өкүмдар болсо акылман,                 Кырсык качып, өлкөсү гүлдөйт абдан.

Жусуп Баласагынга чоң таасир берип, анын аалым катары калыптануусунда чоң роль ойногон окумуштуулардын бири Абу Райхан Беруни болгон. Абу Райхан Беруни (979–1048) илимдин бардык тармактарына чоң салым кошуп, өз замандаштарына караганда, илимий тыя нактар, жалпылоолор боюнча бир канча жүз жылдар бою алдыга озуп кеткен ойчул. Анын 160тан ашуун илимий эмгектери болгон. Анын ичинде: «Геодезия», «Минерология», «Хронология», «Индия», «Масуд Канону» ж. б. Анын «Хронология» китебин белгилүү чыгыш изилдөөчү академик И.Крачковский: «Бардык Борбордук Азияда бул китепке тең келүүчү эмгек жокко эсе»,– деп баа лаган.

Жогоруда келтирилген айрым гана фактылар далилдеп тургандай, Беруни чыныгы энциклопедиялык ойчул инсан. Мына ошондуктанбы, айтор, Жусуп Баласагын анын илимий мурасын терең окуп үйрөнүү менен чектелбестен, анын өмүр жолуна, чыгармачылыгына да зор таасир берген.

Кыргыз философу А. Бекбо жазгандай: «Берунинин акыл-эсти өзгөчө баалаган гуманисттик идеялары Жусуп Баласаг ынга өткөндүгүн эске алуу керек». Анын «Куттуу билим» дастанына көңүл бөлөлү:

5766           Жакшылыкка жакшылык кылуу керек,

Бир иш кылсаң – он эсе кайрып берет.

5767        Азамат уулу болсо ким атанын,

Бардык камы эл үчүн болот анын.

Абу Райхан Берунинин Баласагынга тийгизген таасиринин орчундуу багыттарынын бири – ал карапайым элди жактоо, алар үчүн жан тартуу, эл камын ойлоо экендигин баса көрсөтүү зарыл. Беруни өз учурунда коомдогу байлыкты, мал-жанды, молчулукту түзгөн дыйкандарга, кол өнөрчү, малчыларга арналган бир канча тарыхый эмгектерин жазган болчу.

Мына ушундай үлгү менен шыктанган Жусуп бабабыз да өз дастанынын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн карапайым элдин турмушуна арнаган. Анын ою боюнча, байлыкты, дүйнөнү түзүүчүлөр – дыйкандар, кол өнөрчүлөр, малчылар. Айрым мисалдарга кайрылалы:

Дастандын 4400–4405-саптарында:

Эми айтамын дыйкандар туурасында, Эң керектүү адамдар, ишен буга.

Аралаш, мамиле түз – ушул кеңеш.

Сен болосуң кардың ток, кырсыксыз эч.

Алардан адам көрөт сый-ырахат, Ичээр суусун, жээр ашын андан алат. Тирүүлөрдү тойгузат ичкен тамак, Колду кароо оозантар тирүүгө адат. Дос болгун алар менен тазарасың, Жетиштүү дайым болот алдыңда ашың.

Улуу бабабыз Жусуп Баласагын өтө урматтап сыйлаган, аны өз окутуучум деп эсептеп, Баласагындын чыгармачылыгына чоң таасир берген Күн Чыгыштын улуу уулдарынын бири Абу Али ибн Сина болгон. Аны Европа өлкөлөрүндө латын транскрипциясы менен жазганда Авиценин деп аташкан. Абу Али ибн Сина (980–1037) жылдары жашап, дүйнөлүк илимге чоң салым кошкон ири аалым. Ал өз заманынын философу, акын, астроном, биринчи кезекте улуу дарыгер. Медицинанын маселелери чагылдырылган «Шыпаа китеби» XI кылымда эле латын тилине которулуп, Европалык университеттерде медицина боюнча колдонулуучу жападан-жалгыз китеп болгон.

Жусуп Баласагын Ибн Синанын кол жазмаларын берилүү менен үйрөнүп чыккан. Дарыгердин адамзат коомундагы ролу, алардын эл үчүн жасаган эмгегин улуу бабабыз мактап, даңазалап көчмөн калың кыргыз элине жеткирүүдө далалат жасаган. Мындай иштер улуу бабабыздын дастанында төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Адамдын түрлөрү бар, дагы канча, Иштери, мансабы да башка-башка. Таанып ал арасынан дарыгерди, Айыктырат кеселден алар элди.

Ойлосоң булар сага керектүүлөр,

Буларсыз жолуң болбойт басып жүрөр.

Ж.Баласагын аябай берилип окуп үйрөнгөн мурастардын бири улуу ойчул, дасыккан илимпоз, Күн чыгыш элдеринин бир канча тилдерин билген Иран акыны Абулкасым Фердоуси эле. Ал 954–1025-жылдары жашап, өз заманында жогорку билимге ээ болуп, илим менен адабиятка чоң салым кошкон окумуштуу, ойчул.

Демек, Жусуп Баласагын «Кут билимди» жазууда чоң булак катары Фердоусинин «Шах наме» дастанын пайдаланган. Албетте, Жусуп көчүрүп алган эмес. Жусуп өз дастанын жазууда «Шах наменин» чоң үлгүсүн А.Фердоусинин ойчул катары нускалуу ишинин таасирин гана алган. Сөз келгенде кыстара кетчү дагы бир чоң нерсе, айрым окумуштуулар «Кут билим» дастаны Бухарада жашаган ойчулдардын таасиринде жазылган деп болжолдошот. Менин оюмча, мындай тыянак чындыкка коошпойт, жакындабайт.

Ошондуктан Жусуп Баласагын «Шах наме» дастанын берилип окуу менен аны чыгыш өлкөлөрүндө жаратылган чоң чыгарма катарында карап, анын негизги идеялары Жусупту жаңы эмгекке, эл үчүн болгон кызматка чакырган, үндөгөн. Себеби «Шах наме» дастанындагы башкы өзөгү болгон окуялар кыргыздар мекендеген Мавереннахр чөлкөмүнө да тиешелүү болчу. Бул окуяларга кыргыздар активдүү катышышкан, аларсыз бул окуяларды элестетүү мүмкүн эмес. Эң башкысы Жусуп Баласагынды кызыктырган нерсе – эки чоң аймактагы (Иран менен Турандын ) элдеринин ортосунда карым-катнаш мамилелери, калктар ортосундагы өз ара кызматташуу, бирин бири сыйлоо, достошуу. Кайсы өлкөдө болсо да эл үчүн кызмат кылуу, өз элин, жерин, Ата Мекенин ыйык тутуп, аны жан-дили менен коргоо идеясы болгон. Экинчиден «Шах наме» дас таны тарыхый булак экендигин Жусуп Баласагын жакшы түшүнгөн. Ошондуктан Жусуп бабабыз келечекте мына ушундай китеп жаратууну самаган, ошол үчүн аракет жасаган.

Ал гана турсун «Куттуу билим» дастанына жазылган киришүү сөзүндө Жусуп Баласагын бул китеп үчүн «Ирандыктар түркий элдердин «Шах китеби» болгондугун сыймыктануу менен жазып, өз дастанын көчмөн кыргыз үчүн тарыхый маанисин белгилеп кеткен.

Эл үчүн кызмат кылууну сүрөттөөдө Жусуп Баласагын А.Фердоусинин улуу мурасын өздөштүрүү менен гана чектелбестен, биздин оюбузча, бул идеяны андан ары улантып, жаңы шарттарда Фердоуси ойчулдан да озуп кеткен сыяктанат. Себеби көчмөн элди жаңы мамлекеттин аймагында мындай өрнөктүү иштерге үндөө үчүн бабабыз Жусуп Баласагын ошол элдин басып өткөн тарыхына көз салып, бай окуяларды далил катарында колдонуп, өз оюн, пикирин, сөз күчүн бекемдейт.

* * *

Ошентип, биздин оюбузча, Жусуп Баласагын өз дастанында киндик каны тамып, эрезеге жетип, эл үчүн кызмат кылган мезгилден тартып, дастанды аяктап, аны жаңы кыргыз мамлекетинин өкүмдары Тамга Кара Буурага бергенге чейинки мезгилди сүрөттөөдө башкы багыты кыргыз жерин даңктоо, бийик тоосуна, кооз өзөн дөргө, жаратылышка сыймыктануу болгон.

Эң кызыктуу жери акын өзү көчмөн элден болуп, тоо таянып турган Баласагын шаарында туулгандыктанбы, айтор, өз дастанында башын көк муз, ак кар каптаган тоолор, ар бир өзөндөн туптунук, кашка суу аккан, адырларын арча, кайың, карагай баскан, тоолорунда аркаркулжа ойноп, улар үндөп, кекилик сайраган, кадимки өтө касиеттүү, кыргыз жергеси сүрөттө лүп, ооз там шантат. Дастанга кайрылалы, 64–79-саптарында:

Чыгыштан жаздын атыр жыты келди, Бейиштин жыргалындай мээрим берди.

Жер бети кары эрип, жыпар чачты,

Бүт дүйнө сулуулукта көркүн ачты, Тоолор да боёгонсуп осмо, басма, Алоолоп кочкул жашыл ушул чакта. Түркүн гүлдөр турду миңдеп ачылып, Айланага ажайып жыт чачылап. Жакшы жыт коштоп кетти керимселди, Чулгады аңкыган жыт көктү, жерди.

Ал эми төмөнкү саптар да кыргыз жерине мүнөздүү салыштыруулардын келтирилгендиги, кыргыз жергесинде талаага караганда тоо, өзөндөрдүн көпчүлүгү, алардын өтө кооздугу:

Каз-өрдөк, канаттуулар чууга толуп, Каркылдап, чурулдашат учуп-конуп. Талаада уч-кыйыры жок самсып учат Тоо аралап, чаңкаса көлдөн жутат. Кыйкуулап көктө турна тизилишкен, Баратат кербендердей жолго түшкөн. Улар куш обон созот арзып-арзып,

Сулуу кыз көңүлдөшүн чакыргансып, Кекилик жанын сабайт какылыктап, Кара каш, кызыл тамак, жашыл алкак. Кара кузгун салаңдатып тумшугун, Чыгаргансыйт чырлуу кыздай өз муңун. Булбул сайрайт кубулжутуп гүлзарда, Күнү-түнү издегенсип бир арга. Элик ойнойт, гүлдүн терип баригин, Марал ойнойт сая кууп шеригин.

Башкасын айтпаганда да улар кыргыздардын сыймыгы болгон бийик тоодо гана жолугат. Кыргыздарда тээ байыркыдан бери эле: «Улуу тоого чыккан барбы, улардын үнүн уккан барбы» деген сөз айтылып келет. Дастанда айтылган элик менен маралдын мекени да тоо. Акын бабабыздын берилип сүрөттөгөнү да тоо. Ал тууралуу дагы бир жолу өз дастанынын 96-сабында:

Гүлдөр жайнап дүйнө көркүн ашырды, Асман, жер, тоо жамынышты жашылды.

Кыскартып айтканда, улуу акыныбыз кыргыз эли үчүн жашоонун булагы, чоң себепчиси болгон тоолорго өтө назик мамиле жасап, алар менен сыймыктанган, жашоо үчүн кубат алып, калк арасында мактап даңазалаган, мындай кооздукту көз карегиндей сактоого үндөгөн.

Кыргыз көчмөн калкы күндөлүк турмушта колдонуп жүргөн: жүгөн, тузак, чалма, кишен сыяктуу буюмдардын көркөм сөз каражаты менен чоң чеберчиликте берилиши арбын.

Ал эми Айтолду уулу Акдилмишке (Актилек, Ак жүрөк – З.Э) акыл-насаат айтканда да жергиликтүү калктын негизги кесиби мал чарбасы экендигин эскертүү менен алардын салт-санаасы, үрп-адаты боюнча өзүнүн омоктуу оюн айткандыгы дастанда баса белгиленген. 1269 Кудай пейилин төксө ишиң оң болор,   Итиң чөп жеп, бардык ишиң оңолор.

Дастандагы чоң бөтөнчөлүк көчмөн кыргыздар үчүн тиешелүү болгон нерсе байлыктын, дүйнөнүн мал менен ченелиши ачыктан-ачык берилген.

1307           Жакшыларга ылайык асыл сапат,                     Керектүүсүн калтырбай дароо табат. 1308       Жаманга – байлык, малдын пайдасы жок,                     Колдо барын коротуп чачып салат.

Ал эми акылман, насаатчы Айтолду өкүмдар Күнтуу менен коштошуп, ага атайын кат жазып, өз керээзин калтырат, эң башкысы айтылуучу үгүт-насыяттар мал чарбасын сүрөттөө менен берилет:

1411           Бекем бол, кутман элик, катуу карма,              Жакшы бекте, жарамдуу адамдар да. 1412       Адамдар жайылган кой, бек чабаны,                 Малчыга сапат керек багуу аны.

1413           Дарбазаңдын алдында – ач бөрү көп,                Сак болуп, койду түгөл багуу керек.

Кыргыз элинде «ат – адамдын канаты» деген сөз эчактан бери айтылып, көчмөндөрдүн турмушундагы аттын ролу жогору бааланган. Дастандын автору ушул жагдайды туура баамдап, чоң көркөмдүктө баса көрсөткөн. Акдилмиштин канга берген насыятында минтип айтылган: 1428 Жакында сен түшөсүң мезгил аттап,   Минер атың-табытың өзүң жаткан. 1468 Кутман каным, таянар тоом сенсиз,   Тилегим осуятым пайда берсин.

Кыргыз баласы үчүн киндик каны тамган Жер энедей ыйык нерсе жок. Анткени анын жан жыргалы да, азаптозогу да жер үстүндө өтөт. Ошондуктан алар өз жерин мекен деп аташат, кадырлап урматташат, сыйлашат. Өз жеринин кооздугу менен даңктанышат. Жусуп бабабыз бул окуяны: «Акдилмиш чөгөлөдү, жерди өптү» –деп сүрөттөгөн.

Акын бабабыз жоокер салтын сүрөттөгөндө, баатыр сынын мүнөздөөдө, аскер башчысын кадырлоодо, болгон чабышта жеңип чыгуунун мыкты жолдорун иликтөөдө болсун, сөзсүз түрдө кыргыз жергесинин жан-жаныбарларын көз алдына элес тетип, аларга мүнөздүү болгон сапаттарды колдонуу менен табияттын өтө кооз экендигин дагы бир жолу эскертет.

Кыргыздардын ошол мезгилдеги турмушун таасын көрсө түү менен акын акылман Өткүрмүш аркылуу Акдилмишке бул дүйнөнүн көйгөйүн унутуп, бардык нерсеге каниет кылууну сунуш этип, насыят айтат:

4669 Бирөөлөр бир барганды турбайт самап,   Конок келсе бир малын союп салат. 4765 Кийгеним – кой териси, арпа – ашым,   Жетет ушу, унуткам мен башкасын.

Жусуп Баласагындын улуу дастанында кыргыз элине тиешелүү болгон учкул сөздөр, макал-лакаптар өтө арбын. Анткени кыргыз эли эзелтен сөз багып, сөз сыйлаган эл. Мына ошондуктан, чыгаан окумуштуу, академик Хусейин Карасаев бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, көркөм сөздүн мыкты үлгүсү болгон «Накыл сөздөр» китебин жалпы окурмандарга тартуулабадыбы.

Ошентип, куюлуштура сүйлөө бул өзүнчө өнөр, ал акыл менен логикалык жактан терең ойлонуу, кызыл тил аркылуу иш жүзөгө ашат. Сөздөрдү макалдатып айтуу, көркөм сөз каражаты менен ишке ашыруу тээ байыркы учурдан бери колдонулуп, кыргыздардын жазма эстеликтери болгон орхон жазууларында да жолугат. Биздин эсебибиз боюнча «Куттуу билим» дастанында жолугуучу учкул, накыл сөздөрдүн токсон пайызын азыркы күндө кыргыздар колдонуп жүрөбүз. Жалгашуу, үндөшүү деген ушул эмеспи?

Жаштарга акыл-насаат айтуу, бар нерсеге топук кылуу, жоктун кадырын билүү, ден соолукту чыңдоо, илим менен билимдин маанисине арналган кыргыздардын көркөм сөздөрү Жусуп Баласагындын сөзү менен:

1163           Көрөр көздүн жарыгы – кыз да уул 1213           Дүйнөдө ар нерсенин чеги болот. 1219              Итиң чөп жеп, бардык ишиң оңолор.

1222           Жаман адам байлыкты жыя берет. 2603            Эстүү адам дайыма эл камында 3036    Эки каршы кошулуп жакын болбойт. 3382        Ата аты уланат уул менен                      Тамакты тартыш жеген кеселдебес.

Илим-билимди чоң кадырлаган бабабыз: 1493  Балаңды жаштайынан билимге үйрөт.

1621                Курч бычакка сап болор нарктуусу жок.

1627 Тектүү өлөт, артында туяк калат,– деп, көркөм сөз каражаттары менен бүгүнкү күндө эле сүйлө нүп, колдонулуп жүргөн акыл-насыяттарын айтат. Белгилей кетүүчү бир жагдай, котормочу Наум Гребнев жазгандай, дастандын мүнөзү да, дүйнөсү да биздики болуп жатпайбы.

Эми биз, «Куттуу билим» дастанында берилген айрым, кыргыз уруулары жөнүндө кеп козгоп, бул маселе боюнча Жусуп Баласагындын ой-пикирин, көз карашын, илимий тыянактарын баяндап, аларга иликтөө жүргүзсөк. Эң оболу улуу ойчулдун кыргыз элинин уруулары жөнүнд өгү өз дастанында жазып калтырып, алар тууралуу кабар бергендиги, менин оюмча, акындын кыргыз элинин кулуну экендигинин дагы бир далили. Кеп ырааты менен болсун. Улуу бабабыз өз дастанынын оң каарманы Акдилмиштин падышага (Эликке) айткан жообунда: өкүмдар кандай болууга тийиш, адилеттик деген эмне, башкаруучу адамдын кадыр-баркы, өз кызматкерлерин, бектердин сөзсүз түрдө сынап көрүшү ж.б. маселелер боюнча пикир алмашып, падышага (Эликке) карата дастандын 1758-саптарында минтип жазган:

Жакшы айтыптыр бир беги Ягмалардын, Сөз мааниси бүтүндөй акыл анын: Оо, бегим, ишти аткарат жөндөмдүүлөр, Ишенип иштин көзүн билгенге бер. Ишиңди жараксызга берсең эгер, Күнөөнү жалгыз гана өзүңдөн көр.

Кудай берсе кутуң жанып жадырар,

Кызматчылар эстүү жандан табылар.

А эгер кырсык сага болсо энчи, Кызматчың ишке чоркок болот дечи. Жамандар иштин баарын булгап, бузат, Өрт кактап өрүшүңдү түтүн учат.

Жогорку саптарда Ягма уруусунун бегинин иш кеңеши, эң башкысы бек өзүнө кандай сапаттарга ээ болгон жардамчы керек экендиги айтылып, орто кылымдардагы кыргыздардын чоң уруусу болгон ягмалар жөнүндө сөз жүрүп жаткандыгы бизди кубантат.

Карахан династиясын түптөгөндөрдүн бири карлуктар жана алардын конфедерациясына кирген көчмөн кыргыздардын үч уруусу болгон – карлуктар, ягмалар, чигилдер экендиги тарыхта талашсыз маселе болуп калбадыбы. Бул жөнүндө жаңыдан басылып чыккан кыргыз тарыхында кенен сөз болгон. Көчмөн карлуктардын жогоруда аталган уруулары Карахан мамлекетинин учурунда эле Кыргызстандын бардык аймактарында жашап турган, ягмалар Талас суусунун боюнда, Исфижабда (Шымкент), Фарабда (Отрар) жана Фергана тоолоруна жакын жерде, чигилдер болсо Теңир-Тоодо, Ысык-Көлдө, Жети-Сууда, Нарын суусунун айланасында, ал эми XII кылымдарда ягмалар Талас өрөөнүндө да жолугат. Бул аталган кыргыз уруулары боз үйдө жашашкан, кийизден жасалган баш кийим (калпак) кийишкен, көп сандаган малдарды айдап, тоодон-тоого көчүп жүрүшкөн. Ягма уруусу эң күчтүү жана сан жагынан көпчүлүктү түзгөн кыргыз уруусу болгон. Чигилдер менен ягма лар чогуу, бирдикте эки багытта согуш жүргүзүп турушкан. Биринчиси, Фергана тараптан басып кирип, Жети-Сууну көздөй жылып келе жаткан арабдарга каршы. Экинчиси, чыгыш Түркстан үчүн уйгурларга каршы күрөштү токтотушкан эмес. Натыйжада арабдар да, уйгурлар да кыргыз уруулары тарабынан толук талкаланып, алардын баскынчылык жортуулдары токтогон. Алардын мына ушундай эрдиктери үчүн Жусуп Баласагын өз дастанында ягма уруусунун бегин (падышасын) мактап, даңктаган. Тилекке каршы, улуу ойчул Ягма беги (падышасы) деп кимди айткандыгы азырынча белгисиз бойдон калууда. Бирок эң негизгиси – кыргыз уруусу айтылып жатпайбы.

Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанындагы жолугуучу өтө кызыктуу маалымат ал кыргыз уруусу мундуздар жөнүндөгү дарек болуп са налат.

Эми мына ушул маселенин чыныгы нугуна токтололу. Эң оболу Жусуп Баласагын кыргыздардын уруусу болгон мундуздарды элчилик өнөр деген эмне, кандай адам, кайсы сапаттарды сактаганда элчи боло алат, анын башкалардан болгон бөтөнчөлүгү эмнеде, анын илим, билими, жакшы иштерге болгон себепкерлиги ж.б. жөнүндө сөз болгондо улуу падышага (элик) берген кеңешинде, Акдилмиштин айткан кутмандыгынан билинип туру.

Кубанычтуулук менен баса белгилөөчү дагы бир жагдай, кыргыздардын мундуз урууларынан мыкты элчилер чыккандыгын тастыктап турган фактылардын улуу Карахан каганд ыгынын тарыхында гана эмес, кыргыз санжырасында да берилиши. Ошентип, сөз ырааты менен болсун.

Санжырачы жана илимпоз, профессор С.Закировдун маалыматы боюнча, кыргыздардын сол ичиндеги чоң уруусунун бири мундуздар. Алар Куу уулдун Көнөк деген уулунан. Көнөктөн Мундуз, Басыз, Каранай, Каратал – төрт уулу. Мундуздар: ак үйлүү Мундуз, бай Мундуз деп экиге бөлүнөт. Элдик санжырада мундуздардын тараган жери өтө эле чачкындуу экендиги айтылат. Алар ТеңирТоо аймагында, Талас, Алабука, Чаткал, Жаңы-Жол (Аксы), Сузак, Өзгөн, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Жалал-Абад тегерегинде ж.б. жерлерде жолугат. Ал эми Өзбекстандын Анжыян областынын Кожоабад, Жалалкудук райондорунда, ошондой эле санжырачы Абдыш арип Тургунбаевдин маалыматы боюнча, мундуздар Өзбекстандын Айымкоргондо, Кыркказык деген өрөөндө, Идирис кыштагында. Азыркы Кара-Кулжа районунун Ажике, Алайкуу деген жерлерде, Аксы чөлкөмүнүн Мундузбай, Аксуу, Аксай кыштактарында жашашат. Бекеринен элде: «Асманда жылдыз көп, жерде кыргыз көп, уруудан мундуз көп»,– деп айтылбаса керек.

Ал гана турсун Сибирь, Энесай тараптагы мундуздар да Кыргызстандан баргандар. Ал тууралуу санжырачы

А.Тургунбаев минтип жазат: «Мундуздун бешинчи баласы Кандык – эки балалуу болот. Улуусу Кара, кичүүсү Сабыр. Мына ошол Сабыр үйлөнүп, мыкты жашап жаткан учурда кыргыздарды кара кытайлар (кидандар – З.Э.) басып кирип, эл башына кыйынчылык туулат. Сабыр бала-чакасын алып, Энесай, Абакан тарапка кетип калат. Ошол Енисей, Алтай, Сибирдеги мундуздар Сабырдын балдары. Ушул фактыдан улам азыркы Сибирдин аталышы да мына ушул Сабырдын, мундуздардын ата-бабаларынын ысмы менен байланышып жүрбөсүн деген ойго чөмүлөсүң.

Ошентип, биз Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанында орун берилип, аты аталган айрым кыргыздардын уруу ларын үстүртөн гана карап чыктык. Бул фактылардын өзү эле улуу дастан кыргыз элинин турмушуна арналгандыгынын, чоң аймакты өз кучагына камтыган Карахан династиясы кыргыздардын кагандыгы экендигинин өлбөс-өчпөс далили болуп турбайбы.

* * *

Азыркы доордон мурда дээрлик миң жылга жакын мезгилде жашап, улуу бабабыз илимдин көп тармактарынын өнүгүшүнө өзүнүн чоң салымын кошкон аалым, түркий тилдеги көркөм адабияттын баштоочусу, негиздөөчүсү болгон улуу ойчул, акын катарында биз үстүртөн гана сөз козгодук, али алдыда аткарылуучу иштерибиз өтө арбын. Анткени Жусуп Баласагындын илимий мурасы биздин учурда да чоң илимий жана практикалык мааниге ээ болорун эч ким тана албайт. Көз карандысыз кыргыз жумуриятында бул боюнча бир канча практикалык иштердин жүрүшү чеке жылытып бизди кубандырат, көп нерседен үмүттөндүрөт. Анын илимий мурасы жана азыркы учурдун байланышы жөнүндө кабар берет. Айрым гана далилдерге токтолуп, аларды иликтеп өтсөк, Кыргызстандын көп томдуу тарыхынын биринчи китеби 1984-жылы жарыкка чыгат, бул эмгекке Жусуп Баласагын жөнүндө өтө кызыктуу даректер берилип, ал кыргыз жергесинин улуу даанышманы, ойчулу катарында сүрөттөлгөн. Эң кубанычтуу нерсе чоң сүрөтчү, коомдук ишмер, Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик агабыз Тургунбай Садыков биринчилерден болуп Жусуп Баласагындын элесин ташка чегип, анын эң алгачкы сүрөтүн жаратып берген. Бул сүрөт мына ушул китепте берилген. Болжолдуу сүрөт тартуу оңой болгон жок. Ал үчүн сүрөтчү, улуу бабабыздын чыгармасы «Куттуу билимди» түнү-күнү окуп, дастанда берилген кыргыздардын көчмөн турмушун, айлана-чөйрө, жаратылыш, тоосун, суусун, салт-санаа, үрп-адатын ж.б. көз алдына элестетип, эң башкысы кыргыз элинин турмушун чагылдырган ошол учурдагы бир канча чыгыш булактары жана адабияттар менен таанышып чыккан. Түйшүктүү иштин аягы ийгилик менен аяктап, улуу бабабыз Жусуп Баласагындын сүрөтү берилген.

Аны менен кошо Т.Садыков тарабынан элибиздин орто кылымдардагы дагы бир аалым перзенти Махмуд Хусе йиндин (аль Барскани) да сүрөтү биринчилерден болуп кагаз бетине түшүрүлгөн. Көп басылмаларда улуу бабаларыбыздын мына ушул сүрөттөрү берилип жүрөт, бул эң туура, бул иш колдоого арзыйт. Экинчи мисал, республикабыздын көрүнүктүү окумуштуусу, академик Үсөн Асановдун демилгеси менен 1997-жылы «Кыргыз илиминде ким деген ким» деген ат менен жарык көргөн жыйнакта азыркы мезгилдеги кыргыз окумуштуулары жөнүндө маалымат берилген. Ушул жыйнакта Жусуп Баласагын жөнүндө кыскача маалымат баяндалып, жогоруда сөз болгон анын сүрөтү да кошо берилген. Бул өтө туура, академик агайыбыз Ү.Асановго көрөгөчтүк иши үчүн алкыш гана айтуу керек. Анткени Кыргызстандын илими Жусуп Баласагындан башталат десек, эч кандай аша чапкандык болбойт. Демек, кыргыз эли дүйнөлүк цивилизациядан тышкары турган эмес, аны өнүктүрүүдө өзүнүн зор салымын кошкон элдерден болуп саналат. Бул далил жаштарыбыз үчүн зор сыймык. Кубанычтуу нерсе Кыргыз улуттук университетинин жамаатынын сунушу жана президентибиз Аскар Акаевдин колдоосунда Кыргыз улуттук университетине ойчул бабабыз Жусуп Баласагындын ысмы ыйгарылды. Бул иш ойчулдун илимий мурасына биздин баш ийип, таазим эткендигибиздин күбөсү жаштар үчүн чоң үлгү, анын элеси бизди дайыма эл үчүн ак кызмат кылууга чакырат, үндөп турат. Ишибизге өбөлгө болот. Улуу инсан Т.Сыдыкбековдун сөзү менен айтканда: «Бул улуу мурасты окуп үйрөнүү, аны менен сыймыктануу бүгүнкү урпактардын милдети».

Закирбек ЭРАЛИЕВ

ЖАЗЫЛЫК КУЛКОЖАКМАТ

Икая. Абалкы да, акыркы да байгамбарым. Мухаммед улуу шайык Мансурга (Ахмед Йассави хикметинде Арстан баба делет.) курма берди. Аманат айтты:

  • Менден беш жүз жыл кийин Түркстандан Кулкожакмат деген бир олуя чыгар. Муну ошого бергейсиң деди. Эпаадам баскан турган жериңде унут болор, таңдайыңа сактарың эп – деди.

Арада канча бир заман тозду. Көөмөйдөгү жалгыз курманын кубатын сактап, дилин Акка арнап Шаа Мансур жүрдү. Бир курдай эл-жер кезип келатты эле, алдынан беш-алты тестиер бала ойноп чыкты. Бозала чаң болгон бири түз эле шайыкка чуркап келип, колун сунганы.

  • Келиңиз, аманатымды бериңиз, – деп турганы.

Шаа Мансур унута жаздапыр, эми эстеди. Шашып тилинин алдына катылган курманы алаканына сала койду. Эми көрдү, шимилип сөөгү калыптыр. Байгамбарымдын аманатын сактай албадым деп саруулаган шайыктын шадыларынан алиги кур манын сөөгү жылмышып жерге түштү. Ошондо бала эңкейип чаңдан илгиртпей илип алды да:

  • Жок, олуям, башыңы салбаң! Байгамбарымдын маа жибергени мөмөсү эмес ушул өзөгү эле, – деп таңдайына сала коюп жүгүрүп жолуна салды…

Аталардан калган бу аңызды эске алып олтурганыбыздын жөнү бар. Көрсө, данегине сыр каткан ар бир ыйык окуу улуу сапарда арыбай ачпай, убакыт кумунун алдына көмүлбөй өтсүн үчүн, урпак зээнине жетсин үчүн дал ушул курма өңдөнүп сырты ширелүү шөкөттөлүп, билги иштелип чыгып, бирде кадимки көрпенденин көзүн азгырса, бирде ичи арам душманды алдап изин жазгырып, дал ошолордун тили менен, ошолордун дили-үнү менен ооздон-оозго көчүп, өзөгүнө тунган эң улуу касиетин өчүрбөй, сыймыгын учурбай, атадан-балага өтүп тирүү демин сактап келет экен. Ушу ыңгайдан алганда дегеле атам замандан берки ар бир ыйык, керемет окуунун маани-маңызы, тарых-таржымалы дегенибиз акыры барып келип эле бу жаадай зың-зың керилген зыл убакыттын ар кай мерчеминде туруп алышып байгамбарлардын бир бири менен үн алышканы шекилденет.

Жазылык Кулкожакмат дал ошондой мезгил карытып кыйыр кезген ыйык окуу нун данегин карманып калган өз заманынын бир олуязаадасы. Күнү кечегиге чей ин ар бир мусулман түрк баласынын оозунда аты аздек менен айтылган бу олуянын жашоо жайы, окуусу далайы быз үчүн дале жабык сыр бойдон калып келет. Олуя атабыздын өмүрү же окуусу, болбосо хикметтери жайында кеп салардан оболу дегеле айтпай-дебей коюуга мүмкүн болбогон айрым жагдайларга жалпы жонунан болсо да токтоло өтүүнүн зарылдыгы бар. Алар кайсылар?

Биринчи. Жалпы түрк дүйнөсүнүн ислам менен болгон көп кырлуу алакасы. Исламдын дүйнөлүк үч улуу диндин бири катары канат-бутагынын жайылышында түрк элинин ролу.

Экинчи. Жалпы сопулуктун (суфизм) ичиндеги түрк элинин эң көрүнүктүү өкүлү катары жазылык Кулкожакматтын өзүнүн алган орду.

Үчүнчү. Жазылык Кулкожакматтын же суфизмдин кыргыз турмушундагы алган орду.

Ар бири өзүнчө кең-кесири сөзгө арзыган бу маселелер тууралуу келечектин кеби тургандыр. Биз бүгүн тек анын жалпы удулун кармоого ниет кылып көрөлү.

Байкасак, ислам буга дейре көп эле иликтениптир. Бирок калыстык иретинде айтып өтүү парыз – Кеңеш доорунда жарык көргөн изилдөөлөрдүн дээрлик басымдуусу исламды кан-сөлдөн ажыратып караган канатсыз атеизмдин гана деңгээлинде калып кеткен. Аларга исламды ичкериден түшүнүү эмес, өзүнүн белгилүү таптык-идеологиялык тургусунан туруп баа берүү, эгешкен душман тутуу мүнөздүү. Ал эми мындай келишкис мамиленин жетээр чеги белгилүү. Биз азыркы күндөгү «көң көкүрөк» (без духовность) деп атаган абалыбыз ошонун бир гана көрүнүшү. Ырасында ар бир диндин алмустактан бери үзүлбөй келаткан рух тууралуу окуу катары адамзаттын турмушунда ээлеген айгине орду бар. Бүгүнкү күндө ошол миңдеген жылдар бою адам тажрыйбасы, руханий изденүүсү жыйнаган рух окуусуна карата кайдыгер мамиле өзгөрүүдө. Буга айкын мисал, азыр 1918-жылы кабыл алынган «Чиркөөнү мамлекеттен жана мектептен ажыратуу» жөнүндөгү белгилүү декреттин кайрадан каралып, дин уюмдары жана ишеним эркиндиги жөнүндөгү жаңы мыйзамдын кабыл алынышы. Демек, алдыдагы милдет да жетимиш жыл бою таңууланган бир беткейликтен арылуу, кылымдардын бизге калтырган окуусунда эмине данектүү ой, тажрыйба болсо анын маңызын татуу, таануу, урпакка узатуу болуп саналат. Бул – исламдын дүйнөлүк үч улуу диндин бири катары жалпы эле биздин турмушубуздан алаар ал дыдагы орду, жайында турулуу турган маселе. Мындан тышкары анчейин айтылбай көмүскө калып келаткан, биз үчүн түздөн-түз мааниси бар дагы бир маселе бар. Ал ислам менен болгон түркий элдердин көп жактуу алакасынын бир беткей түшүндүрүлүп келатышы, башкача айтканда, бир элдин дин күжүрмөн активдүү, экинчи элдин динкабыл коймаарек пассивдүү сыпатталып жүрүшү. Тарыхка кылчая баксак бизде динге каршы «панисламизм» деп жарыя ачылган согуш дайыма «пантюркизм» деген түшүнүктү кошо илээштирип «таап» чыгып, эки түшүнүк бир мерчемде эриш-аркак, бир синонимде айтылып, «динге күрөш» деген чүмбөт алдында калктын руханий казынасына кара чабуул салынып, рух тозгону да белгилүү. Мына ошол казармалык социализмдин тушунда жүргөн куугунтук биздин ислам ичиндеги тарыхыбызга байланышкан кай бир маселелердин, атаганда ислам дүйнөсүнө түрк калкынын сиңирген ролунун айтылбай калып кетишине, кыйла унут болушуна да себепкер болгон. Ал эми тарыхта эч бир нерсе күдүк калбашы керек, ар окуя өзүнүн мыйзамдуу ордун алышы керек. А чыныгы абал билишибизче кандай эле?

…Ыйса жыл санагындагы VII кылымга дейре ар уруусу ар түрдүү бутка сыйынган бүткүл Араб дүйнөсүнүн башын кошуп, бир диндин тегерегине ийриген соң ислам өзүнүн чабытын кең керди. Күн батышка түндүк Африканы бойлой чаап Гибралтар кечип, бүткүл Испания ны бой сундурду. Күн туушка канатын жайып Ирак, Сирияны алды. Кудусту (Палестинаны) чаап, Рум аскерин тоздурду. Өз заманындагы кудуреттүү мамлекет Ирандын а кыйырынан бу кыйырына атчан чаап өткөн тейде бир жуманын ичинде зор падышачылыкты тизе бүктүрдү. Ислам адеп чыкканда кызыл кыяндай шыркырап кубаттуу чыкканын туюнуу үчүн ушул мисал жетиштүү болор. Мына ушундай эбегейсиз күч-кубатка эгедер арабдар эми учкаяк аргымактарын алкынтып түз эле Түркстан үстүнө салды. Иран өкүмдары Жезиттин Мерв шаарына качып келип түрк ичинен сыйынт тапканын шылтоо тутуп, аскер башы Абдулла бин Омар бин Керээз калың кол менен селдей куушуруп, Мерв шаарды алды. Жезитти тутту. Бул окуя ижараттын 30-жылында, Ыйса эсебинде 652-жылында болуп өттү. Түрктөр мен ен арабдардын узак-узакка, бир кылымга жуук созулган урушу мына ушундайча башталды. Абалы айыгышкан каршылыктарга учураса да уюшкан жоокер эл аздап Орто Азияга тереңдей кирип, 46-жылы Аму сууну кечти, Эки-Суу (Мавереннахр) арасына аяк басты. 51-жылы кол башчы Абдулла бин Зияд Букар менен Самаркандды алды. Азыраак тыныгуу жасап, дагы түрк калкынын тереңине кирмекчи болгон арабдарды түрктөр ижараттын 61-жылында бир талкалап жолун бууду. «Жеңилбес» саналган аскердин жолуна минтип бөгөт коюлушу атактуу халиф Амид ал Малик бин Марвандын ачуусун козутту, эсепсиз аскер бөлүп Абдурахман бин Ахмед ал Ашас кол башчыны жана бир казатка атказды. Ал чактары Түрк каганаты канат бутагы жайылып, Оң канат, Сол канатка айрылып, бир четинен экинчи четине куш учуп жете алгыстай кеңейген кези эле. А демек белгилүү да, бу кыйыры а кыйырында не болуп, не койгонунан анча капарсыз, ар улусу өз бетинче дуулап ээн жайкын өмүр кечирип, ошого тек абалкы Туман каган, Мукан каган, Тобок кагандан калган темирдей бекем бирдигине шек кеткен да чагы эле. Алардан кийин каганаттын башында турган Кутлук кагандын ашкере жумшак жооштугунан пайдаланып, Сол (Чыгыш) канаты бара-бара ордодон кол үзүп, бөлүнүүгө ык койгон болчу. Мына ушундай чакта Кутлук каган көз жумуп, такка анын иниси Мочжо-Капаган каган отурду. Бул ижараттын 79-жылы эле. Эр да, айлакер да, Мочжо-Капаган каган чыгыштан берки бүткүл түрк калкынын күчүн бир тактага жыйып, 81-жылында Ибн Ашастын аскерин талкалап, каганаттын чегин кайрыды. Бир ар жылдан соң Арабстандан атактуу кол башчы Катиб бин Ислам кайрадан аскер баштап келип Букар, Самаркан, Ташкен, Фергана шаарларын жана бир алды, андан чыгышка ооп Кашкар шаарын камап басты. Ошондо Капаган каган бул кубаттуу аскерге каршы күрө шүүнү агасы Кутлуктун уулу атак туу кол башчы Күлтегинге тапшырды. Күлтегин эр кол курап, араб аскерин тоздуруп, Аму сууга дейре сүрүп жеткен чагында, бүтүн түрк журту үчүн ушундай бир жооптуу, кыйын-кысталаң күндө капыс Мочжо-Капаган каган кайтыш болуп кетти. Жаңыдан бириккен ордо кайра тарап кетээринен чочулаган Күлтегин эр моюнга бир салып, жазмыштын буйругуна көнүп, кан майдандан өксүп чыга берди. Колун баштап Ургун боюна кайтып кетти. Бул окуя ижараттын 94-жылында болду. Эми ордо бийлигине Билги каган отурду. Ушу окуядан туура он бир жылдан соң Күлтегин эр кайрадан кол курап Мавереннахрга аттанып келип, жер байырлай баштаган арабдарды Түркстан чегинен биротоло сүрдү.

Ошентип, ислам идеясы түбүндө түрк журтуна кылычтын күчү менен таркабады. Ат жалына колу илээшсе болг ону ээрден көчүк кылтайбай башын канжыгага байлап согушуп жүрө берген бу калктын жортуулчул түрпүн байкап, ислам билермандары аларды башка жол менен – динге алуу жолу менен баш ийдирүүнү көзд өштү. Байгамбар окуусун таратып диниятчылар түрк журтун кезди. Булгар, Хазарлардан тартып (Араб Хазар согушу жүз алтымыш жыл созулган) чыгышы Кашкарга чейин түрк журту акырындап Исламды кабыл этти. Келечектин изилдөөчүлөрү түрк журту дин исламды неликтен ийкемдүү кабылдашты деген суроого кенени рээк жооп айтышаар, тек азырынча өзүбүз ишенген бир чындыкты белгилей отуралы. Ал мынабу. Биринчиден: түрктөрдүн буга чейинки дини – шамыянчылыгы, Көк Теңирге табынуусу, жер-суу тайыганы, жан тууралуу түшүнүгү, дүйнө өмүрдү үч тепкичтүү (жер алды, жер үстү, көк теңири) деп билүүсү ж. б. ишенимдери таң каларлыктай түрдө исламдын көп түшүнүктөрүнө шай келет. «Кудай» деген таптаза түркү тааным арабий «Таала» деген тааным менен табигый айкалышып, «Алла Таа лага» так маанилеш бир чулу «Кудай Таала» түшүнүгү келип чыккандай эле эки жактагы эки түрдүү көчмөн калкт ын жан дүйнөлө- рүндөгү көп жалпылыктар бир чекиттен жан оорутпай кесилишкен кейпи бар. Экинчиден элди алган нерсе – исламдын акылман поэзиясы. Ооба, кандай айтсаң да жарашат, адам жанын көлкүлдөтүп терметип алты катар асманга калкытып алып кеткен дал акылман поэзиясы! Буддизмдеги түпсүз философия. Эски, Жаңы Осуяттагы кудуреттүү даанышмандык – мына ушул кош касиетке жан мукамын, дил авазын жуу руңуз,– мына ушунда эгерде жүрөгүңүздөн бир нур сыбызгып төгүлөр болсо, ал нурга аалам термелип жашырар сыры калбай Жамшиддин алтын аягынан чагылгандай мүлдө сыры дилиңизден чагылып ыр болуп агылар болсо, дүйнө сизден жарыса, шоолаланса, анда Ислам мына ошол аалам деп билиңиз. Бүтүн түркий дүйнөнүн көңкүдөн келген рух дөөлөтү, жан дасмыясы, баатыр, даанышмандар туур алуу улама-жомогу, накыл кеби пайгамбар, саабалардын өмүр-күрөшүнө, олуялардын окуясына, хадис икаяларга табияты боюнча таң каларлыктай үндөш түшүп, түрктөрдүн исламды өз дини ирети эч кыйынчылыксыз, кыстоосуз кабылдап кетишине бир ыңгай түзгөн өңдүү. Ооба, өз дини катары!

Анткени исламды кабыл эткен соң анын дүнүйөлүк кадыр-баркынын артылышына, мурда араб тулпарларынын туягы жетпеген алыскы учтарга чейин ургаалдуу таралышына, басып кирген башка динден чечкиндүү корголошуна чоң себепкер да дал ушул уңгулуу-уюткулуу улуу түрк журту эле.

Тарыхтан белгилүү: Мухаммед пайгамбардан соң төрт Чарыяр (Абабакир, Үмөр, Осмон, Аалы) тушунда халифаттын чеги мүлдө кеңиди. Алардан соң халифтик орун үчүн кыйла курч күрөштөр жүрдү. Бара түшүп зор халифаттын ар жеринде ордого бой сунбай моюн толгогон толкундар чыкты. Мына ушундай кырдаалда халифтер ээр үстүндө өмүр кечирген эр көкүрөк түрктөрдүн шерлигин, бу кыйырдан а кыйырга желдей сызган учкаяк жашоо мүнөзүн билги пайдаланышты. Айталы, тарыхка аттын кашкасындай таанымал Абассия халифтеринин сегизинчиси айтылуу Харун ар Рашид жалаң түрктөрдөн турган тандамал элүү миң черүүнү кашында такай кармап, хали фаттын тартибин сактады. Саманийлерден тизгин талашып өзүнчө түрк хандыгын түзүп чыккан, бара түшүп бүтүн Чыгыш Иранды боюна жуткан Казына мамлекети (Газневиддер, м. 977-жылы, иж. 355-жылы) Алп Тегин, Сүбөк тегин, кийин Сүбөк тегин уулу Султан Махмуд тушунда күрүлдөп өстү. Индостандын ичкери жактарына дейре исламды абалы байма-бай жайылткандар да дал ошол казыналыктар болду. Отуз эки жыл хандыктын башында отурган Султан Махмуд тушунда Казына мамлекетинин бүткүл ислам дүйнөсүндө кадыры артты, Султандын өзү эң бийик даражалуу «Азирети» наамына татыды.

Ислам дүйнөсүн чыңдоодо Селчок түрктөрүнүн да сиңирген эбегейсиз каармандыгы ай караңгысында лаулдап Асман-Жер арасында жанган оттой кай кылымдын мерчеминен карасаң да маңдайыңды жарытып турат. Селчок мамлекетин майданга баштап чыккан Тогрул бий (Эр Таргын – м. 1038-ж. иж. 416-ж.) түрк-исламдын кош миздүү зулпукору болду. Бүтүн Кавказды чаап, Кичи Азияны аяк алдына басып тарса диндүү элдерди исламдын кызыкчылыгына кызмат кылдырды. Константинополдун храмдары мечитке айландырылып ислам иба датына кең жол ачылды, анда Тогрул бийдин ысмына кубулжуп ар кез кутба окулду. Качан да болсун Рум тарабынан болуп келген коркунучка бөгөт коюлганына, исламдын арымы артылып коопсуз түр күткөнүнө миң ыраазы халиф Каюм Балла (Абассия халифтеринин 26-сы) Тогрул бийди Багдадга чакыртып эрдигине өзү таазим этти, ислам мамлекетинин Султаны деп тааныды. Кызынын колун тапшырды, исламдын бийлигин тапшырды. Тогрул бийден соң уулу Алп Арсландын тушунда, анын уулу Малик шаанын тушунда ислам чыгышында Селчок дөөлөтүнө теңдеш күч калбады, бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн бийлиги колунда, Рум дөөлөтү болсо алым төлөп жолунда турду. Ал чакта диндин гана ооматы жүрбөй ар кыл илим-билим, маданият, искусство да гүлдөп өстү. Ислам тарыхында жана маданиятында алган жогоркудай ардак ордун айтпаганда да кийинки XI кылымдын соң жагында пайгамбардын кабырын бошотуу шылтоосу менен бүткүл Европаны түп көтөрүп бир туу алдына жыйып, Чыгышка карай жүргөн кресттүү лөрдүн жортуулун эң алгач көкүрөк жайып каршы алган, кан дайра менен жолун бууп, киши өлүк менен чеп тоскон да дал ушул Селчок түрктөрү болгонун эске алсак, анда исламдын гана эмес жалпы эле Чыгыштын тагдырында ойногон түрктөрдүн ченемсиз ролунун баасын айкын сезүүгө болор эле. Баш-аягы эки кылымдан ашуун созулуп (1095–1321-жж.) узарып кеткен бул ырайымсыз согуштун эң биринчи урунган ургундай күчүн дамамат майтарган дал ушул селчоктор экенин, Султан биринчи Кылыч Арслан, анын уулу Султан Маасуд, анын уулу Султан экинчи Кылыч Арслан, Мосулдан чыккан султан Салах ал дин Айып азирет сындуу түрк кабыландарынын ысмы ислам асманында жарык жылдыз болуп маңги жанып калгандыгын эстесек, анда «ислам тарыхы, тагдыры» дегенибиз жалаң гана арабий түшүнүк болуудан калат, анын тамырында жүгүргөн Көк Теңирдин кулундарынын көгүлтүр каны дааналанып көз алдыга тартылып чыга келет! Жетишээр эми. Мына ушунун баарынан соң Каракандар мезгилинде, Хорезм шаалар заманында, Асман түрктөрүнүн тушунда, Орто Азия ренессансында исламдын гүлдөп өскөнүн айтып отуруу эми артыкбаштык кылаар…

* * *

…Багдад. Ижараттын 200-жылы. Көктөн күн күлүп, жерден амал келип, бул аалам Кудайынан кумурскасына чейин бир ууз тилекке муюп, жүзүңдү сылап өткөн желаргыга жаңы гана бүр черткен байчечекей жумшак сыдырылган баар айы. Дүйнөдө эч заманда эч качан, эч бир жамандык болбогондой…

Калың эл логлоп жыйылган кең аянтка көп кыйноо тартып абыгер чеккен, бирок дале жүүнү тирүү бир мусапырды алып чыгышты. Күнөөсүн жарыя айтышты: Кудай безер! Дин азар! Кол аягын керип жиберишип жан чыдагыс кыйноого алышты. Акырында ар мүчөсүн жиликтеп, башын кесип, денесин өрттөп, ыпым күлүн да калтырбай шамалга сапырып бу жахандан изсиз айдашты. Бирок ошондо да, актык деми бүтөрүндө да анын жападан-жалгыз айтканы, бүт карап турган калайыктын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер дүрбөтүп, кайра-кайра какшанып турганы бу болду:

  • Ан ал Хак! Ан ал Хак! Ан ал Хак!!!
  • Мен – кудаймын! Кудай – мен! Мен – Кудаймын! Кудай – Мен!

Исламдын тарыхында аты аңызга айланган атактуу сопу Абу-л Мугис ал Хусейн ибн Мансур ал Халлаж ошол эле. Сопулук (суфизм) дал мына ушинтип өрткө өрттөлүп, күлү сапырылып жүрүп, улуу руханий эрдик менен акыр түбү өзүнө жол ачкан… Алла бар жана ал бирөө гана. Алланын элеси да, сыпаты да айтып болгус. Бар танапты камтыган, бар болмушту тескеген, башы да жок, аягы да жок чексиз көөлбүп созулган зор кудурет, бечел пендеге андалбас улуу негиз (субстанц ия) деп билген классикалык исламдын бийиктигин таанып, бирок аны менен чектелбей ага өзүнө тете улуу каяша ыргытып:

  • Жок! Адам Кудайга өзү аркылуу жол салып жетүүгө кудуреттүү. Өзүнөн өчүп, Аллага көчүп, жаны жаркып аны сезип туймагы бар, ал турсун дили жуурулушуп бир чулу бүтүнгө айлана барып акыр түбү аны таанымагы бар! – деп кубаттуу жар салды.

Адам рухунун мынчалык батыл чыңырыгын ааламдагы бир да диндин та рыхы билбейт! Исламдын ичинде өзүнчө бир иримденип, Көккө көк буурул көбүк серпип агып жаткан бул албуут дайранын шоокум сыры алиге аңдалып бүтпөй келет (ал эми биздин шартта аңдалышы да күмөндөр). Мына ушундай тек-маңызы тереңге кеткен сопулардын окуусу күнү кечээ гиге чейин жакшыраак изилденбеди. Прагматик Күн Батыш өзүнө түк окшобогон, дүйнө таанымы өзгөчө тегиздикте – рух тегиздигинде жаткан даанышман Күн Чыгышка текебер мамиле этти. Тек убакыттын катаал чыңдыгы улуу акыйкаттын мыйзамы гана аны Даосизмдин, Ведизмдин, Буддизмдин, Кун-цзынын түпсүз тереңдигинин алдында айласыз тизе бүктүрдү. Адам рухунун ажайып улуулугун, ааламга танапташ бирдигин жар салган ушул диний-философиялык, адеп-ахлак окууларын кызуу үйрөнүп жатышып Батыш аалимдери жолунда көк дөбөдөй чөгүп жаткан, айланып өтүүгө болбой турган сопу лардын окуу суна акыры түбү мыйзамченемдүү түрдө кез болушту. Аны философиялык аспектиде окуп түшүнүүгө бет бурушту. Мындай мамиле акыркы гана жылдарда чындап башталып отурат. Эми жогорто биздин шартта сопулуктун тереңи түгөл аңдалышы да күмөндөр дешибиздин жөнү бул. Тынымсыз куугунтукка алынган сопулукту исламдын салттуу таанымы менен эптүү элдештирген, суфизмди адеп азаттыкка алып чыккан улуу фил ософ, сопу ал Газалиден соңку (1058–1111) сопулуктун негизин таанытууда эбегейсиз эмгек сиңирген кашкөй диниятчы, көздөй авторитет, кашкалардын кашкасы Ибн Араби (1165–1240) бардыгы 560 баптан турган «Футтухат меккия» аттуу фундаменталдуу, көп томдуу китебинде: «Сопу илиминин бир да шартын, идеясын толук камтып жазууга кудуретим жетишпеди» – деп армандаптыр. Сопулардын улуу ойчулу өзү ушинтип атканда, биздин кай бир карандай атеист изилдөөчүлөрүбүз кара жанын канчалык карч урушса да жет ээр жери бая Айсараласын алкынтып караңгы түндө «канча бир жол басып койгон» Ыманбай атабыздын чегинен анча деле ашып түшпөчүдөй туюлат. Не дегенде сопулук түбүндө рационализмге эмес иррационализмге негизденет. Ал акыйкат, актын нак маңызын ойлоо аркылуу эмес жан жаркыны (озарение, просветление) алдында гана жарк (!) ачылат деп нускайт. Демек, суфизмди ичкериден ачуу үчүн абалды баштан кечирмек лаазым. Дагы бир маанилүү учур, сопулуктун башатын иликтеген кай бир Батыш аалимдери анын учугун исламга чейинки эртеги тарса динден, эллиндердин философиясынан, неоплатонизмден чубап чыгышат. Марксизмди догма туткан кай бирлер болсо суфизм тек VIII кылымдын баш ченинде зор араб халифатында таптык жиктелүү тез жүрүп өткөндө, талоончул согуштарда ислам коому колуна байлык топтогон бардарларга жана колунда жок жай адамдарга, жакырларга чарт бөлүнгөндө түзүлгөн социалдык, экономикалык саясий теңсиздикке каршы көтөрүлгөн эмгекчи элдин, айрыкча шаар калкынын социалдык козголоңунан келип чыкты деп эсептейт. Бирок жакшылап ойлоп баксак сопулуктун табияты иралды Буддизм, анан даосизм менен таң каларлыктай түрдө үндөшүп турганы баамга илинет. Ал эми Буддизмдин эң алгач түйүлдүгү түп мекени Орто Азияда түйүлгөнү маалым. Ушундан-улам бу экөөнүн ортосунда тээ бир эзелки тектештик, киндиктештик болуп жүрбөсүн деген бир күнөм ой келет. Баса алгачкы аты дайын сопулар Хасан ал Басри (642–728) менен Рабиа ибн Хайсамдан (686-ж. өлгөн) эки жүз жылдай кеч чыккан бая бизге белгилүү Аналхактын эли халлаж, б. а., калач. Калач элинин түбү түркий насилдүү. Аңыз боюнча ал Угуз каган бир жоокерине койгон ысым. Калачтар ошондон таралган калк. Ушул ойду кыйыр бекемдөөдө кызмат өтөөгө жарамдуу, бирок ислам диниятчылары тарабынан кыргыз элди арабга алпарып жамоо ниетинен гана жаралган деп эсептелген, а чынында данектүү бир аңыз бар калкыбызда. Ал – Аналхактын өрттөлгөн күлүн сууга салып жиберишкени, хандын кызы баштап сейилде жүргөн кырк кыздын сууда калкып келаткан көбүктүн даамын татышып кош бойлуу болушканы, ошол кырк кыздан кыргыз тукуму тарап чыкканы тууралуу аңыз. Бул аңызды биз «кыргыз» ысымы ушундан келип чыкты деген ойду бекемдеш үчүн мисал тартканыбыз жок. Мында кыргыз аталышын эң эрте белгилүү болгон ысым ирети жалпы түркий мүнөздө түшүнгөнүбүз туура. Өз насили касиеттүү Аналхакты эл генийи кайрадан өзүнө ушундайча бир жол менен кайырып алгысы келсе керек деген ойду айткыбыз бар. Мына ошол теги исламдан оо канча ары жаткан терең окуунун жалпы түрк калкына кайрадан кайрылышы суфизмдин түркү элиндеги атактуу өкүлү, түрк сопуларынын атасы жазылык Кулкожакматтын ысымы менен түздөн-түз байланыштуу.

Кулкожакмат XI кылымдын соңу XII кылымдын башында жашап өткөн. Таржымалы толук дайын эмес. Кай бир адабияттарда 1160-жылы өлгөн делсе, кай биринде 1166-жылы делет. Туулган жери Йасы шаары, кийин Түркстан аталды дешет. Казак жергесинде Түркстан шаа рында Аксак Темир тарабынан ага арналып курулган күмбөзү бар. Ушундан-улам анын туулган жери Түркстан шаары деген көз караш талашсыз чындык катары сунулат. Бирок менимче, бул талаштуу көз караш. Түркстан шаарынын эски аты Йасы болгонун тарыхый булактардан учурата албадым. «Түрк тарыхы» деген китептин авторлору Кабир Туйка, Фазил Туйканын айтуусунда Кулк ожакмат Түркстан шаарынан беш чакырым обочо Йасы деген айылда туулган. Демек, Түркстан Йасы эмес. Ал эми анын өзүнүн жазгандарына серп салсак өзү тууралуу кай бир биографиялык маалыматтарды хикметтеринде калтырып кеткенин байкайбыз. Мисалы, 148-хикметте:

Йасы сувнуң арасы, йатур кевхар парасы.

Машайыглар сарасы, шайыгым Ахмед Иассави, – деп жазат.

Сөз Йасы суусу тууралуу барат. Ал эми бул суу эскиден аты белгилүү кадимки Өзгөндү жандай аккан Жазынын суусу болушу мүмкүн. Буга бизди Өзгөн деген аттын теги да ынандырат. Биздин оюбузча, ал Йасыкенд же Жазыдагы шаар, калаа дегенди билдирет. Убакыттын өтүшү менен дабышы өзгөрүп Йаскенд, Узгенд, Өзгөн болуп айтылып калган чыгар. Кулкожакмат дал ушул Жазы боюндагы шаарда туулуп, кийин Түркстан шаарында турук алса керектир. Муну түз болбосо да мындай бир кыйыр далилдерди кошо келтирип ырастап көрсө болор эле. Байыркы Ош аймагы, Сулайман тоосу эзелтен ыйык жай саналып, олуялардын мекенине айланган. Ал эми Каракандар дөөлөтү түзүлгөн соң сопулардын окуусунун да очогу болгон өңдүү. Өзгөндөгү мүрзө үстүнө коюлган таштагы жазууларга үңүлсөк дээрлик басымдуусу шайыктарга арналганын көрүүгө болот. Бул болсо ушул чөлкөмдөгү суфизмдин кең жайылган чабытын аныктайт. Ошондой эле санжыраларда Арсланбаптын эски аты Бабаштын тоосу же Бабаш-Ата деп аталары белгилүү. Ал эми Арслан Баба Кулкож акматтын устаты, таанымал сопу болгон. Аны Кулкожакмат өз хикметтеринин канча бир жеринде сүймөнчүлүк менен эскерет. Кабыры ошол тоодо жайгашты деген да кеп бар. Жер аты мына ушул себептүү кийин ыйык сопунун ысмына Арсланбап болуп оошсо керек. Кулкожакмат бабабыздын туулган жери биздин Жазы болсо керек дегенибиздин жөнү ушул.

Кулкожакмат Арслан бабадан соң Букардагы чоң сопу Абдухалык Абдувазиден (Юсуф ал Хамадани) таалим алган. Кийин Түркстан шаарына келип, ошол жерде өзүнүн мектебин түзөт. Суфизмдин иштелип чыккан шарт эрежелерине түрк элинин салт-санаасын, адеп-ахлагын, эптүү кыйыштырып киргизет, зикир чалуу жана башка ырым-жырымдарын жалаң араб эмес түркү тилинде да түзөөгө кең жол ачат. Артыкча укукка ээ саналган «кудай сүйгөн» ыйык араб тилине жанаша эне тилдин кадырын көтөрүп, ислам ичиндеги конкурент жөндөмүн арттырып, анын мүмкүнчүлүгүн башкаларга да ашкере ачат. Мына тогуз жүз жылга жуук түрк мусулмандарынын колунан түшпөй аздектелген атактуу хикметтерин жазат. Хикметтерине жолдомо сөзүндө сопулук илими эмне экенин дүңүнөн таржымалдайт.

– Эй, дервиш, билгил ва акаа болгул ким; авал келме шариат, экинчи келме тарикат, үчүнчү келме маарифат, төртүнчү келме хакикатны билмек керек. Агер сопу болуп бу келмелерни билбесе сопу эмес. (Ахмед Йассави, «Дивани хикмат», Казань, 1896. 5-б.)

Сопу болуу үчүн ушул төрт баскычты басуу, таануу зарыл. Бул төрт баскычыбыз кайсы?

Абалы шариатты билмек керек. Шариатты билүү деген ал Алланын бирлигин, барлыгын таануу, анын үммөтү деп абалкы да, акыркы да пайгамбар Мухаммедди билүү, ошондой эле мусулман баласы үчүн аткаруу шарт болгон парыздарды туура тутуу. Классикалык ислам мусулман болуу үчүн ушуну жетиштүү деп эсептейт. Кудай жолунда мусулманчылыгын так аткарган такыбадар пенде о дүйнөдө түз бейишке чыгарын айтат. Бирок суфизмди бул алымсындырбайт, шариаттын жол-жоболорун билүү, түгөл кармануу бул али пенде жолунун жеткен чеги эмес, балким, башталышы гана деп билет. Анткени шариат бар болгону диндин кеби (кабыгы), ал диндин даны болсо тарикатта деп билет.

Экинчи баскыч тарикатта мусулман түп мүдөөсүнө карай чыныгы кадамын таштайт. Өзүн сопулукка даярдайт. Пирге кол берип (устатына бүт өмүрүн, тагдырын тапшыруу), иштелип чыккан өзгөчө жүрүм-турум эрежелерин тутуп, бу дүйнөнү тарки кылып бүткүл иш аракетин, жан жүйөсүн ышкы жолуна бурат. Думана жашоо кечирет. Ит напсини өлтүрөт. Дүйнөдөн кечет. Тапканын карып-жетимге үлөштүрөт. Тагдырды тааныйт. Бар-жокко канагат кылат. Ушинтип көрпенделигинен тазаланып, ак боюна жакындайт. Тарика – араб тилинде жол, багыт дегенди билдирет. Суфизм өзүнүн ушул өтө сыйымдуу түшүнүгү менен байыркы Чыгыштын Даосизм, Буддизм жана экөөнүн синтезинен бүткөн Чань-буддизм философиясы менен өзөктөшкөнүн байкоо анчалык кыйын эмес.

Муслим тарикаттан соң маарифатка аяк басат. Маариф – араб тилинде илим-билим дегенди билдирет. Бирок сопулар жеткен бул билим тек биздин демейки таанымыбыздагы билим эмес, өзгөчө билим. Тарикат баскычын эткен пенде, тарки кылып бу дүйнөнү тепкен пенде бу өтөөр-кетээр дүнүйөнүн туу казыгы өзү экенин туюп, бу он сегиз миң ааламдын улуу удулу акка карай кеткен жол дал өзүнөн башталарын аңдап, Адам актын жердеги бир нуру экени дээр-зээнинде жылт чагылып, жашооөмүрдүн көздөй максаты, бар маңыз-идеясы бая Аналхак жар салган акка жанашуу идеясы экени бүтүндөй басып өткөн жолу аркылуу астейдил сызылып чыгып, дилине чыккыс орноп, ал улуу чындыктын босогосуна дагы жакындап барат. Маар ифатка жеткен муслим үчүн бу жарыкта жабык, жашыруун сыр калбай калат. Су физм илимдин жеткен чеги.

Эми ал үчүн эң акыркы баскыч акты таануу. Анын боюна куюлуу, биригүү, денинде эрип жок болуу, жок болуп жатып жанын жалгап табылуу, күндөй алоого өз нурун улаштыруу гана калат. Акка жанашуу үчүн суфизм интуицияга негизделген не бир ийкемдүү шарт-жоболордун бүтүндөй бир комплексин иштеп чыккан. Йог өнөрү мисал сезим-кыймыл чегинде ишке ашырылган татаал көнүгүүлөрдү тапкан. Муну түгөл өздөштүрүп чыгуу кемде кем гана пенденин үлүшүнө туш. Кулкожакмат: сопулукка бет бурган мусулман абалы кырк жыл бою пирдин (устаттын) кол астында кызмат өтөшү керек дейт. Мына ушул кырк жыл ичинде пирдин нускоосу алдында ал суфизмдин татаал илиминин негизин гана тааныйт. Андан ары ал акка карай кызылдай гана өзү аркылуу жол салат. Бул пендеден укмуштай эркти, руханий эрдикти талап этет. Ак жолуна бет бурган далай мусулман ара жолдо арып, ачып, акылынан адашып, думаначылыктын бийик сересине жете албай буркулдап ак урган тейде буулуккан жиндиге айланып, кан жолдун бүлбүл учу кан чайган карегинде үзүлүп, армандуу баш чайкап кала бергени ошондондур… Ошол арман жолдун учуна Кара тоонун шиш чокусундай болуп тунуп, бар келээр-кетээринен арылып, жаны-көөнү тунук жеткен мусулман гана сопу боло алмак. Алланын атын, ашык ырын тынымсыз кайра-кайра кайталап сүкүт салып, же «күү-күүлөп» зикир чалып жатып ал өзүн акыр түбү түгөл бойдон унутат да улуу экстаз, татаал транс абалына жетет. Көзү ачылат. Дал ушул улуу ирмемде ден кишенин биротоло кыйратып, ден кабыгын шыркыратып өрттөп сапырып жан жаркыйт, караңгы ааламынан калкып чыгып улуу нурга жанашат. Акты тааныйт. Эми ага эки дүйнөнүн тең сыры анык! Акыйкатка жеткен сопунун жаны тозоктон да, бейиштен да бийик. Актын өзүндө. Ал жаны азат.

«…Хиркалары кир чапан, көңлүдө йүз-миң аян,  Билиңиз эки жахан, көзгө илмэс дервишлер…»

Сопу илимин түгөл тааныган жаңы азат дервиш тууралуу Кулкожакмат ушуну айтат.

Өзүнө чейинки улуулардын калтырган осуятына каныгуу, керемет окуусунун даамын татуу, асем дүйнөсүнө жанашуу – билгенге ушунун өзү эле эрдик! Төтөн ар заманда адам уулуна боло келген ар кандай пенделик, турмуштук, диний, саясий жана башка тоскоолду жарып чыгып, өзүңдүн сөзүңдү айтып, өзүңдүн окууңду түзүп, өзүңө чейинки чыныгы даркандардын катарына суурулуп чыгууң бул – Пайгамбарлык. Пайгамбар – чокулардын орду адамзат турмушунда, андыктан бийик да, ыйык да. Ар пайгамбар ар чокудан жарык чачып нур жалгап, тегинде тунган жашоого жол нускайт. Бүткүл түрк журтуна жайылган сопу илиминин жарыгы «Кулкожакмат» деп аталган ушу туу чокудан таралат.

Кулкожакмат менен жанаша жана соңунан ээрчий бир канча түрк олуя, машайыктар чыкты. Сулайман Бакыргани, Улукман Парэнде, Исхак Баба, Абдулмалик, Бахауддин Накшбандиа, Ажы Бекташ, Садыр, Бадр, Ахмад Сейид, Узун Асан жана башкалар. Улам соңку муун мезгил доор талабына жараша мурдагы учукту улап, суфизмдин философиясын, шарт жобосун мезгил талабына шай өркүндөттү. Бардык муундун талабына төп түшкөн. «Азирети Түркстан» деген ардак ысымга арзыган Ахмед Йассави хикметтери гана эч өзгөрбөй кылым кезди. Түрк тилдүү поэзиянын, акыл ойдун, диний-философиялык таанымдын соңку өнүгүшүнө айтарлык салым кош ту. Улуу өкүмдар Аксак Темирдин ага арнатып атайын күмбөз салдырышы асты-үстүн саймалатып хикметтерин жаздырышы анын өз заманында канчалык кадыры жогору болгонун астейдил каңкуулап турат.

Бабабыз Кулкожакматтын жана жалпы эле суфизм окуусу кыргыз элине да кыйла таралган. Анткени бая айтылгандай башатында адам руху тууралуу өзгөчөлүү тааным-түшүнүк жаткан суфизм менен этно-маданий теги бир Алтай жана Алай түрк көчмөндөрүнүн байыркы илими, аалам таануусу тээ тегинде орток бир кыртыштан кесилиши мүмкүн эле. Канча доор заманды карытып, бөтөн журтту кыдырып, жаңы боёкторго канып, исламдын чалмасын чалынып, канча өзгөрүп кайрылганына карабай аны менен көчмөн дух тил табышууга жердиги жөндөмдүү эле…

* * *

Менин колумда: «Кыргыз шыгырлары, 1919-жыл» деген жазуусу бар, саргарып болгон дептер турат. Сыйкы, татар молдосу жазган. Бирок ички мазмуну түгөлү менен кыргыз дүйнөсүнөн сызылып чыкканы анык. Бул кезинде бир аймакка таанылган чоң молдо, Асанчы атыккан чоң атамдан калган мурас. Ал киши кайтыш болгондо бир сандык толгон китеби калды. Окулбай турса мусапыр болот деп айылдагы молдолор бөлүп кетишкен. Чоң апам ошондо «уулдарынан окуган бирөө жарым чыгар» деген илгери үмүттө кыпкызыл тыштуу жалгыз куран китебин, анан ушул көөнөргөн дептерди катып калыптыр. «Ушул дептерди колуна алганда атаңар баарын унутуп салып, жүзүнөн салаалап аккан жашы сакалын жууп ту руучу, ал үчүн муну бөтөн колго карматкым келбеди» – деп бир айтканын билем. Ошол дептерден бир үзүм:

…Сүйлөп жүрдүк ыр кылып, Дүнүйө деген калбааны. Ар жерине кошомун, Заты улук Алланы.

Окшошу жок ол кудай, Ойдо жокту бар кылды. Куру койбойт дечү эле, Кудайым деген бандэни. Жар кыласың мени – деп, Өзү кылды амирди.

Айтканынча боло албай,

Анын жаадын кыла албай. Жанга кылдык жабырды.

Тобокел кылбай өзүнө, Кирбей айткан сөзүнө, Кыдырдык сөөк тамырды.

Шум напсинин ниети,

Малдын семиз этинде,

Жүгүрүк экен куу напси,

Көңүлдүн бир четинде,

Жегенге оңой ойлодук, Жесир менен жетимди.

Напси тилин алган соң,

Шариаттан калган соң, Ак кашына барган соң,

Нур калаар бекен бетимде.

Бул тарикатка бет бурган пенденин дүйнө-арамдан кол үзө албай, ит напсини тыя албай, дитин түгөл ак жолуна сала албай чайналгандагы бир абалы. Сопу илими менен тааныш эмес адамдар мындай тексттен кай бир ойдун тереңдигин кармана албай баамдан сырт калтырып коюшу мүмкүн. Мисалы, бир окулганда сөз тизмегинде билинбей өтүп кетээр «напси» деген түшүнүктү алалы. Бул суфизмде өзүнчө бир кате гория. Ак сапарына бет алган дервиш жанды тушаган караңгылык – нап сиден арылыш үчүн жети тепкичтен өтүшү лаазым. Алар көр оокаттан баш тартуу (шакават), ашыктыкка дил буруу (махаббат), ышкы отуна бой уруу (ышкы), жан жалгоого умтулуу (вусла), кошулууну туюу (фана), жантеңтер (хайра – потрясение), чексиздикке сапар (бака). Андан нары:

Неге шүгүр кылбайбыз, Бизге берди тирикти. Тирүү болгон адамга, Нече нерсе керекти?! Кыштын күнү болгондо, Кыштоо керек элетке.

Кыш камынан көңүлүн, Тынчылоо керек элетке. Аркан, балта, ат керек, Карагай отун жакмакка. Катын менен баланы, Калтыратпай бакмакка. Кудай берген эс менен, Жүрөр жолун тапмакка.

Аюу деген айбанат, Суукта кирет жапкакка.

Өзү адаммын десе да,

Кыштап, жайлап не керек Оокатын билбес акмакка, Жайдын күнү болгондо.

Жайлоо керек элетке. Жайлуу жерге малдарын Айдоо керек элетке. Эл ылдыйга түшөөрдө, Күздөө керек элетке. Оокатынын өтөөрүн Эстөө керек элетке.

А бул кечилдикке баш койбостон туруп, жупуну ак жашап, барга канагат кылып, «дилиңди Кудайга арнап, колуңду ишке арнап» жүрүп да ак жолуна өтүүгө болот. Нурга жетүүгө болот деп үгүт айткан Накшбандия агымын түзгөн букарлык чоң сопу Бахауддин Накшбандинин окуусунун элдин жан дүйнөсүндө эзелтен жашап келген эдил, тазалык тууралуу көз караш менен эптүү кый ышкан жаңырыгы.

Ушул кол башындай дептерге үңүлүп жатып мен анын сопулардын окуусуна канчалык канык экенин көрдүм, айныгыс бир акыйкатты туйдум. Көрсө, эч бир эл өз мезгилинин орошон идеяларынан эч качан четте калбайт экен. Айталык суфизмдин олуттуу философиясы өз деңгээлинде жалпы караламан журтка анча жетпесе жетпеген чыгар, бирок эл ичиндеги окумал зирек адамдар анын маңызын кадимкидей жете тааныган. Ырасында элдин руханий дөөлөтү, деңгээли да анын алдыңкы өкүлдөрүнүн ой-чабыты менен өлчөнгөн эмеспи. Ошолор аркылуу ар кандай бийик идея калайыкка кеңинен таралган. Буга элдин оозеки чыгармачылыгы айкын күбө:

Малым, малым оо дейсиңер.

Малың тоонун оо чымчыгы.

Үйүм, үйүм оо дейсиңер, Үйүң токой оо чырпыгы – өңдүү ырларда суфизмдин мөөрү кашкая басылган. Суфизм идеялары көрүнүп-көрүнбөй, билинип-билинбей тетиги эле өзөгүнүн өзүндө жаткан, терең тамыр жайып турган, жай турмуштук, адеп-ахлактык, ашык-арзуу, диний философиялык, мистикалык, космологиялык мүнөздөгү ырлар кыргыз фольклорунда мол. Коом, заман утур өзгөрүп, журт башына түн түшкөндө, кала йыктын кылымдап түзгөн нарк дөөлөтүнө коркунуч тууганда ар качандан бир качан жарала келген «Замана» наам ырлар да Кулкожакматтын хикметтери менен Сопу Бакыргандын «Акыр заман» баянында кайра бир терең иштелип чыгып, соңку замана акындарына омоктуу таяныч болгон. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч акындар дал ошол булактан даам сызган. Биз качандыр тап катар ы кырып жоюп, ташбараңга алып жазбай койгон, такыр калып кеткен, эптеп эрме-терме жыйналгандары да Аналхактын кол бутундай кескиленип жок кылынган мултук мунжу ырлар канча дейсиз. Кечээги аты да йын, дин ажытын айрып билген Жеңижок (Калыктын айтуусунда), Нурмолдо өңдүү дагы да башка динчил делген жаркын акындардын не бир ырлары таңууланган таш жардыктын алдында жарыкчылыкка зар болуп оор басылып жатышат ко али күн. Эми ошонун баарына өзүнүн мыйзамдуу ордун кайтарып берээр кез келди. Ансыз элибиздин рухий тарых-таржымалы толук болбой бир жеринен өксүп мүчүп тураары чын.

Бардык замандарда боло келген, бу күндөгү Аналхактын баш кесерлерине, балким, жогорку ойлор жакпас чыгаар. Алар: Жок! Суфизм деген бул дин. Дин – апийим. А дин кыргыз элге анча сиңген эмес! Кыргыздын руханий дүйнөсүнө суфизмдин эч бир жанашы жок дешээр. Айла канча, ар кимдин өз чындыгы өзүндө. Тек, эл тарыхын, рух тарыхын замандын бийигинен кең карабай баягыдай эле тар алкакта түшүнүп жүргөндөрдүн эсине мына бул акыйкатты сала кеткибиз бар.

Биринчиден, адамзаттын тарыхында эч бир артыкбаш, керексиз, анын соңку баскан жолунда роль ойнобой калып кете берээр бир да окуу, бир да идея болбойт. Ар бир данектүү окуу ар заманда түлөп, сааты-күнү жеткенде өзөгүн бир жаңыртып ачып турмагы бар. Суфизм да Ведизм, Буддизм, Даосизм өңдүү адам руханий издениш жолунда таап алган дүйнөлүк кебелбес залкар окуу катары эч качан тарыхтын бир бучкагында калып кетпейт. Адам рухунун алдагы изденүүлөрүнө омок туу таяныч болуп кала берет.

Анткени суфизм деген бул – канчалык парадоксалдуу угулса да ал караңгы түрмө же апийим эмес, ал адам рухунун көккө эргиген зор чабыты. Улуу немис Иммануил Кант зарлаган эки учтун: «Төбөдөгү көк аалам менен көөдөндөгү жан ааламдын» табылган байланышы!

Суфизм бул – адам рухунун түпсүз мезгил мерчеминен, мейкин мунарынан жеңип алган желеги, сууруп алган азат тыгы!

Суфизм деген бул – ислам эле эмес, исламдын ичиндеги улуу бунтарлык!

Элибиздин рухий маданиятынын теги тээ ислам идеологиясынан канча ары жатк ан, эң байыркы замандан калган Кытай, Түпүт, Ынды, Шумер, Мисир өңдүү жалпы чыгышка тең уңгулуу маданиятка улашып жаткан тамырларынын бири ушул суфизм аркылуу да жалганып өтөт.

Экинчиден, бу күндө түбүндө рухий-маданий таянычы тайкы кай бир көң калктар көңкү калктардын каадимден калыптанган рух байлыгына жанталашып кол созууда. Кызуу үйрөнүп боюна сиңирүүдө. Жан азык издешүүдө. Кечээги Күн Чыгышка жылган оторчул кыймыл алиде токтобой бүгүн эң бир татаал-митайым, кансыз-ырайымсыз түр күттү. Рухий оторчулукка айланды. Эмики кресттүү жортуул бүтүн бир элди маңкуртка айлантуу эсебинен да, ишке ашырылгандан кайра тартпай турган болду. Чоң Британиянын Азиядагы кадамы буга айкын мисал. Бир акындын бир сабын саал өзгөртүп айт канда:

Чак түшкү бу чабуулду, Көрбөгөн көзүң көрбү!

Көрсө, руху күчтүү калайык гана акыр-түбү айланып келип бул ааламда азбас-тозбос улуу күчкө эгедер экен. «Оболу сөз болду» деген даанышман кептин мааниси ушул жакта жатыптыр. Түптүү калк Түпүт али да кыл асканын учуна конгон, кечилканаларында жан сырын жабык сактап, чалгырт көздөн катып жаткандыгынын себеби бар экен көрсө…

Мына ушунун баарынын жанында алганда уламадан уланып келген өзүбүзгө тиешеси бар улуу окууну бирар жылдарда жерип салып: «Кыргызга кожо молдо идеясы жат болгон» – деп дырдыңдаган корстон коңкобайчылыгыбыз канчалык пас, ызалуу, арсыз жана армандуу…

Чоюн ӨМYРАЛИЕВ

* * *

Ахмет Йассавинин тарыхый өмүрү жөнүндөгү даректүү далилдер өтө аз, колубуздагы таржымал дагы башаламан абалда, ошон үчүн туура бир жыйынтыкка келүү кыйын. Ага карабастан ал тууралуу тарыхый булактарда, жазуулардан жана хикметтерден, колго тийген маалыматтардан жана уламыштардан, өмүр баяны, адамкерчилиги жана таасири тууралуу бир пикир алса болот. Айтылган сөздөргө караганда Ахмет Йассави Батыш Туркестандын Чимкент шаарынын чыгышындагы жана Тарым дарыясына куйган Шахйар дарыясынын кичинекей бир куймасы Карасуу жээгиндеги Сайрам айылында дүйнөгө келген. Исфижаб же болбосо Акшехир аты менен да таанылган Сайрам айылы илгертеден бери эле калк отурукташкан борборлордун бири болуп эсептелген. Айылдагы калктын негизги катмарын түрктөр жана ирандыктар түзгөн. Кай бир булактарда жана казалдарында да анын Йасси, бүгүнкү аты Түркстанда дүйнөгө келгени жазылган. Алишер Навои да атактуу «Нефехатүл-үнс» котормосунда туулган жери жана түпкү туулг ан жери Йасси экенин жазган. Бир хикметинде болсо туулган жери Түркстан экендигин, башка бир хикметинде болсо атынын Ахмет, жашаган чөлкөмүнүн Түркстан экендиги айтылат. Хикметтердин өзүнөн көптөн кийин чогулгандыгы жана Йассави дервиштери аркылуу же болбосо кай бир тарикат ээлери аркылуу өзгөрүүлөргө учурагандыгын эсепке алсак, Сайрамда төрөлгөндүгүн кабыл алуу туура болор.

Ахмет Йассавинин туулган жылы да, тактап айтканда, белгисиз. Хикметтеринде да буга байланыштуу жазуу табылган эмес. Бирок Йусуф Хемеданиге жолуккандыгы жана халыйпаларын болушун эске салсак, ХI кылымдын экинчи жарымында төрөлгөндүгүн кабыл алсак мүмкүн туура болор.

Атасы Сайрамдын аалым катары таанылган адамдарынан жана олуялык жагы болгон. Булактарда Азирети Алинин неберелеринен экендиги, Мухаммет пайгамбарыбыздын тукумунан экендиги жазылган. Энесинин аты Айше апа, өз аты Карачач болгон. Ахмет, Шейх Ибрахимдин каухар Шахназ аттуу кызынан кийин төрөлгөн экинчи баласы эле. Биринчи энесинен, андан кийин атасынан айрылып, эжеси менен жапжалгыз калат. Кий ин Ахмет Йассави бир хикметинде атасынын күмбөзүн «Актүрбөт» («Ак күмбөз») атап койдургандыгын айтат. Ушул учурда өзү жети жашында жалгыз бала болгондугу үчүн баккан жана жоопкерчиликти эжеси Шахназ өз мойнуна алган.

Бул окуядан кыска бир убакыттан кийин Шахназ инисин жанына алып, белгисиз себептер менен кийин Түркстан атын алган – Йассиге көчүп барышат. Огуз хандын уламыштарында тахт шаары катары билинген Йасси шаары өзгөчө борбор катары эсептелген. Шаарда ошол убакта Арстан баба же болбосо Арстан баб аттуу бир түрк шейхинин кудай жолуна кирүү ой-пикирин жайып жүргөн, өзгөчө бир салт бар эле. Хикметтеринин биринде Арстан баба арап улутунан болгондугу айтылган.

Алгач илимин Йассиде үйрөнүп баштаган Ахмет жаштыгына карабастан ар кандай белгилерге ээ болушу, күтүлбөгөн укмуштарды көрсөтүшү менен айланасындагылардын көңүлүн өзүнө бурат. Дагы ушул жашта Азирети Кызырдын Кызыр баба жол көрсөтүшүнө жетишкен Ахмет, Йассиде Арстан бабага жолугуп, өзүнө руханий бир баба болгон чоң туура жолду көрсөтүүчү илимди үйрөнө баштайт. Айтылган сөздөргө караганда Арстан баба төрт жүз же жети жүз жыл жашаган, сахабалардын арасында даражалуу бир аян болгон. Арстан бабанын Йассиге келип Ахметти табышы жана Азирети пайгамбардын өзүнө берген аманатты бериши, тарбиясы менен туура ак жолду көрсөтүүчү илимди үйрөтүп, Азирети пайгамбардын руханий бир белгисин дөөлөттөрүн таратуу эле. Хикметтерде Арстан бабанын сахабалардын улуктарынан болгондугу бул дүнүйө рахатына жана ниметтерине маани бербегени, Азирети пайг амбардын кадырына ээ болгондугу жана ыйык үммөтү болгондугу үчүн Аллага шүгүр кылгандыгы маалымдалат. Уламыштарга караганда согуштан кийин ачка калган сахабалар Пайгамбардын жанына келип тамак-аш берүүсүн өтүнүшөт. Азирети пайгамбар дубасы менен Азыретти Жебирейл бейиштен бир табак курма алып келет. Сахаба курма алып жеп жаткан учурда бир курма табактан жерге түшүп кетет.

Муну көргөн Азирети Жебирейл: «Ушул курма үммөттө рүбүздөн Ахмет аттуу бирөөнүн насиби» – дейт. Азырети пайгамбар сахабаларга: «Ушул курманы араңардан ким ээсине берет?» – деп өтүнөт.

Сахабалардан эч ким жооп бербегенден кийин, Аслан баба Аллахтын жардамы жана Азирети пайгамбар жол көрсөтүүсү менен бу вазийпаны орундата тургандыгын айтат. Азирети пайгамбар берекелүү колу менен курманы Арстан бабанын тамагына салып, Ахметти кандай жана каяктан табарын түшүндүрөт жана тарбияланышын айтат. Арстан баба ушул ишаратта Йассиге келет, Ахметти издейт, аны көчөдөгү балдар менен ойноп жаткан жеринен табат. Арстан баба курма жөнүндө айта электе эле бала аманатты беришин айтат. Арстан баба беш жүз жыл тамагында сактаган жана таза курманы оозунан алып, ээсине берет. Арстан бабанын тарбиясы жана ак (туура) жолду көрсөтүшү менен Ахмет кыска убакыттын ичинде даражага жетишип, аты тегерекке жайылып баштайт. Бир жылдан кийин же ошол эле жылы Арстан баба дүйнөдөн кайтат. Хикметте Арстан бабанын өлүмү, жерге коюлушу жана рухунун бейишке кириши тууралуу абдан жакшы түшүн дүрүлгөн.

Бир жолу бир окуядан кийин Ахметтин атынын бүткүл Түркстанга жайылышына себеп болот. Уламыштарга караганда ал убакта Түркстанда Йассави аттуу бир өкүмдардын башкарып турган учуру экен. Ал кышты Самаркандда өткөрүп, жайы болсо Түркстандын тоолоруна ууга чыгып турчу экен. Бир жолу жайында Карачук тоосунда ууга чыккан өкүмдар, тоонун абдан тигинен ууга чыга албай калат. Өкүмдар ууга жүрүшүндө тоскоол болгон бул тик Карачук тоосун ортодон алып таштоого чечим кылат. Кол алдындагы аймактарда жашаган бардык олуя ларды чогултуп, алардын дубаларынын күчү менен тоону жок кылсам деп ойлонот. Чогулган олуялардын дубасы жана жалбаруулары натыйжасыз калгандан кийин, балким, келбей калган олуя болбосун,– деп дагы изилдеттирген экен. Изденүүнүн натыйжасында Шейх Ибрахимдин уулу Ахметтин чакырылбаганын түшүнгөн экен. Ошондуктан Сайрамга кабарчы жиберип, баланы алып келишин өтүнгөн. Бала бул окуяны эжесине айтканда, эжеси: «Атабыздын осуяты бар, сенин ачыкка чыгаар убактыңдын келипкелбегендигин, чоңойгондугуңду атабыздын күмбөзүнүн ичинде турган бир дасторкон айтат, эгер ал дасторконду ачалсаң, ачыкка чыга келгендигиңдин белгиси ошол»,– деген экен.

Күмбөзгө барган Ахмет дасторконду таап, ичин ачкан экен, ошентип көрүнө турган убактысынын келгендигин түшүнгөн. Дасторконду жанына алып, Йассини көздөй жөнөгөн. Олуялар өзүнчө ал жерде күтүп, даяр турган экен. Ахмет дасторкондун ичинен бир үзүм нанды көрсөткөндө олуялар куран окушкан экен. Ахмет нан үзүмүнөн бөлүп бергенде тургандардын бардыгына жеткен экен. Ал чогулушта олуялардан, бирге болгон кишилерден жана ордо аскерлеринен тогуз миң киши болуптур. Бул кереметти көргөндөр улуулугун жана мартабасынын бийиктигин түшүнүшкөн. Ахмет болсо сыртында атасынан калган чапанын чүмкөнүп, дубасынын күчүн сезип турган. Туруптуруп көк жүзүнөн (көктөн же асмандан) селдер төгүлүп, жердин бети сууга толуптур, олуялардын топулары суунун үстүндө калкып баш таптыр.

Ахмет чапанынан башын чыгарса селдер токтоп, күндүн бети көрүнүп баштаган экен. Тургандар Карачук тоосунун заматта жок болуп калганын көрүшөт. Бул кереметке күбө болгон өкүмдар, Ахметтен өз атынын кыяматка чейин түбөлүк калышы үчүн жалбарышын тилеген экен. Ахмет болсо: «Ааламда ар ким бизди сүйсө, сенин атың менен бизди жад этсин» деген экен. Мындан кийин ошол күндөн бери экөөнүн аты бирликте. «Ахмет Йассави» катары эстелип калган экен. Имиштерге караганда Ахмет Йассави атынын айтылышы мындайча. Чындыгында болсо Ахмет йассавилик болгондугу үчүн Йассави аталышы Ахмет Йассави шекилдүү айтылышы мүмкүн. Сайрамда Имам Мухаммед Али уруусунан келгендерге «Кожо» бул уруусуна тийиштүү болгондорго да «Кожоган» деп айтылган. Ахмет Йассави да Кожоган уруусунан болгондугу үчүн «Кожо Ахмет, Кожо Ахмет Йассави, Кулкожо Ахмет» түрүндө да айтылып калган.

Ахмет Йассави, Арстан баба өлүмүнөн кыска убакыттан кийин ошол замандын Ислам борборлорунун бири болгон Бухарага барат. Бухара ал убакта Селчукилерди басылтыш катары таанылган Караханылардын башкаруу су алдында болгон. Түркстан жана башка өлкөлөрдөн келген талабалар (окуучулар) Бухара медреселеринде ар кандай ислам илимдерин үйрөнүп жатышкан. Шаарды абдан бай жана Ханефи мазхабынан бир үй-бүлө башкарып турган. Ахмет Йассави бул шаарда ал доордун алдыңкы делген аалим жана тасавуфчусу Шейх Йусуф Хемеданиге байланышып, анын туура жолду көрсөтүшүнө жана тарбиясына кирип, үйрөнө баштайт. Кай бир булактарда Ахмет Йассави Шейх Йусуф Хемеданиге Самаркандда жолуккан деп туура эмес айтып жүрүшөт.

Шейх Йусуф Хемедани 1048 (Х. 440) жылында Хемедан тегерегинде бир айылда төрөлгөн. Жаш кезинде Багдадга барып Шейх Искак Ширази мажилисине дайыма катышып, фыкых (ислам укугу илиминин) окуусун үйрөнөт жана өз доорунун ислам укугун эң кыйын билгендердин бири болгон. Андан кийин Исфахан жана Самарканддын эң кыйын хадис алимдеринен хадис үйрөн гөн, ошентип дин илиминдеги билимин жогорулаткан.

Бир канча убакыттан кийин илим жолун таштап, чоң тасавуфчулардан Шейх Абу Алы Фарумедиге жолугуп, тасавуф жолуна кирет жана андан күч алат. Өзгөчө назар илиминде көкүрөк көзүнүн ачылышында бийик мартабага жетишет. Биринчи Мерф шаарына, андан кийин Херат шаарында жашап, элге дин тууралуу илимин үйрөткөн. Кайрадан Мерв шаарына келе жатып, жолдо 1140-жылында дүйнөдөн кайткан жана ошол шаарда сөөгү жерге коюлган.

Имам Азам Абу Ханифе мазхабынан болгон Шейх Йусуф Хемедани бүткүл өмүрүн илимге жана тасавуф жолуна сарптаган, Мерв, Херат, Бухара, Самарканд сыяктуу Ислам борборлорун кыдырып, жамы журтка туура жолду көрсөткөн. Дүйнө, байлык жана бийликтин аркасынан чуркаган эмес жана ага маани бербеген. Азга канат эткен, жөнөкөй өмүр сүргөн, колуна тийгендерди муктаж болгондорго тараткан. Калкка ислам негиздерин жана шарыятты үйрөткөн, шакирттерине тиги дүйнө ишин жана таквалыкты, ак пейилдикти, напсине ээ болушу тууралуу сунуштарды эткен.

Ахмет Йассавинин Йусуф Хемеданиге жолугушу 1110-жылдан кийин болушу мүмкүн. Кыска убакыттын ичинде Шейхинин жолуна түшүп, андан алган берекети менен Кемал мартабасына жетишет. Ар тараптан Шейхинин таасири алдында калган Ахмет устаты сыяктуу шарият буйруктарына Азирети Пайгамбардын сүннөтүнө, Ханефи мазхабынын ишеничтер ине ушунчалык ишеним, кубат менен байланышкандыгын хикметтеринде да ачык көрсөтүлгөн. Белгилүү жана сырдуу илимдерин бүтүргөн Ахмет Шейхинин үчүнчү башкаруучулугуна көчүрүлөт.

Ал да шакирттерине ибадат, ак пейилдүүлүк жана дин жолуна кирүү тууралуу сунуш кылат, шарият жана сүннөттү ар нерседен бийик кармайт.

Шейх Йусуф Хемеданинин өлүмүнөн кийин ордуна алгач биринчи халийпасы (жардамчысы) Шейх Абдуллах Берки, анын өлүмүнөн кийин экинчи халийпасы Шейх Хисан Эндаки өтөт. 1160-жылында болсо экинчи халийпанын өлүмүнөн кийин үчүнчү халийпасы сыпаты менен Ахмет Йассави туура жолду көрсөтүүчү ордуна отурат. Бир канча убакыттан кийин Шейх Йусуф Хемеданинин берген ишараты менен ордун төртүнчү халийпа (жардамчысы) Шейх Абдулхалык Гуждувниге өткөрүп берет да, өзү Йассиге кайтат жана өмүрү өткөнчө, 1166-жылына чейин туура жолду көрсөтүүчү илимин элге таркатуусун бул жерде улантат.

Ахмет Йассави Йассиге келген учурда Түркстанда, Жети-Суу чөлкөмдөрүндө кубаттуу бир мусулмандаштыруу багытында ислам өлкөлөрүнүн ар тарабына жайылган тасавуф агымы бар эле. Медреселердин жанында курулган теккелер тасавуф агымынын борборлору катары эсептелген. Ушул эле жылдары Мавераннахр, Хорезм шахтары күчтүү бир ислам давлети абалына жетип калган. Ушундай жакшы шарттар астында Ахмет Йассави Ташкент жана Сыр дарыя чөлкөмдөрүндө, Жейхундун ар жагында боз кырларда жашаган көчмөн түрктөрдүн арасында күчтүү бир даңкка ээ болгон. Тегерегине мусулманчылыкка бүткүл дити менен жана жергиликтүү калк бөлүгү менен жарым көчмөн айылдыктар чогулуп турган. Ушул себептен ислам илимдерин үйрөнгөн жана арабча, парсыча билген Ахмет Йассави тегерегинде чогулгандарга ислам негиздерин, шарыят өкүмдөрүн, тарыйкат адептерин үйрөтүү максатында жөнөкөй бир тил менен жана калк адабиятынан алынган шекилдер менен созолонтуп казалдарды айткан. Башка казалдардан айырмасы болушу үчүн «Хикмет» деп ат берген бул казалдар, дервиштер аркылуу алыскы түрк калктарына чейин жетип турган. Хикметтер (казалдар) өзгөчө түрктөр арасында бир пикир бирдигин түзүп, кызмат кылып туруусу абдан керектүү болгон. Ахмет Йассавинин даңкы жана таасири Түрк өлкөлөрүнө жайылгандан жайылып, Йассавилик да барган сайын күчөп, ар тарапка жеткен тарикат абалына келген ислам дининин салтына караганда Ахмет Йассави, Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтүнө өтө жогору даражада баш ийген, ошол себептен алтымыш үч жашына келгенде таякесинин короосунда шакирттерине бир чилтенкана даярдатат. Шакирттерине тепкич менен түшкөн кудук каздырат, түбүнө болсо бир гана адам бата тургандай кичине хужра бөлмө жасаттырат. Ахмет Йассавинин өлүмүнө чейин бул хужрада ибадат жана рыязат (аз тамак менен жаша мак) менен алектенет. Бул хужрада канча убакыт жаша ганы белгисиз. Бирок өлгөнгө чейин (1166-жыл) бул жерден чыкпагандыгы жана хужрада а дүйнөгө узагандыгы чындыктыр.

Хикметтеринде бул чилтенканадагы жашоосун кенен түшүндүрөт. Ахмет Йассавинин туулган жылы белгисиз болгондой эле канча жыл жашагандыгы тууралуу да так же анык бир сөз айтуу мүмкүн эмес. Имиштерге караганда жүз жыйырма, жүз жыйырма беш же болбосо жүз отуз жыл жашаган.

  • * *

Ахмет Йассави алтымыш үч жашына чейинки өмүр баянын хикметтеринде мындайча түшүндүрөт: «Азирети Пайгамбардан төрт жүз жылдан кийин үммөт болдум. Тогуз айда, тогуз күндө жерге түштүм. Тогуз саат да туралбадым, көккө учтум. Бир жашымда арбак мага үлүш берди. Эки жашымда пайгамбарлар келип көрдү. Үч жашымда чилтен келип, алымды сурады. Төрт жашымда Азирети Пайгамбар мага курма берди; нечен наадандарга жол көрсөттүм, жолго кирди; Кызыр бабам колдоп жүрдү. Беш жашымда таат кылып, күнү-түнү зикир чалдым. Алты жашымда качып турбай калайыктан, колум үзүп бардык тааныш дос-тамырдан, көккө чыгып дарс үйрөндүм периштелерден. Жети жашымда Арстан Бабам издеп тапты. Сегизимде сегиз жактан жол ачылды, хикмет айта баштадым, улук пирим мага мей ичирди. Тогузумда дагы туура жолго кире элек элем, ошон үчүн адамдардан алыстап, чөлгө качтым. Он жашымда көңүл буруп, таат кылбастан кожолукка баштадым. Он биримде рахмат дайра толуп ташты, текебердик, өзүмчүл ой турбады. Он экимде бул сырларды көрдүм. Он үчүмдө шум напсими колума алдым. Он төртүмдө текебердик сезимдерди тепсеп салдым. Он бешимде үр кыздары мага таазим кылды. Он алтымда бардык арбак үлүш берди. Он жетимде Түркстанда турдум. Он сегизимде чилтен менен шарап ичип, зикир айттым; насип кылды, маанисинде жаннат кезип, Ак Мустапа жамалын көрдүм. Он тогузумда мага жетимиш макам дайын болду, зикир менен ичи тышым тазаланды, кайда барсам Кызыр бабам мага жолдош болду. Жыйырма жашымда бир топ макамдарды ашып, пир кызматын кылдым жана акка жакын болдум. Жыйырма биримде күнөөлөрүм тоодон көп, кыямат күнү Раббым кадыр азап салса, кантип жооп береримди биле албадым. Жыйырма экимде фана мартабасына жетишип, чын дарттууга даба болдум. Жыйырма үчүмдө жалган даба кылдым. Жыйырма төртүмдө көңүл буруп, кулдук урбай Актан болдум ыраак. Жыйырма бешимде өмүрүмдүн күнөөлөр менен өткөндүгүн түшүндүм. Жыйырма алтымда ашык болуп, Ак дидары үчүн Мансур сымал коога кылдым. Жыйырма жетимде Пирди (Шейх Йусуф Хемеданини) таап, чебине коргонуп, кызматын кылдым. Жыйырма сегизимде ашык болуп күнү-түнү жатпай, мээнет тартып, Пир даркөйүнө ылайык болдум. Жыйырма тогузумда ашык жолунда урап калдым, өзүмчүлдүктөн толугу менен кутула албадым. Отуз жашымда отун сымал ичим күйдү. Улуулар мага дүнүйөнү таштаттырып, актан башка ар нерсени көңүлүмдөн өчүрүштү. Отуз биримде Кызыр бабам мага жардам берип, ашык шарабынан ичирди, күнөөлөрүмөн кутулдум. Отуз экимде Актан кабар келди, кулдугума кабыл кылдым: ар балээге сабыр кылдым. Актын кадырын түшүндүм. Отуз үчүмдө сакы болуп, шарап сунуп, мей тараттым, ашык шарабына мас болдум; шайтан менен урушуп, аны жеңдим. Ошентип, ар напсимден тең кутулдум. Отуз төртүмдө аалым болуп, хикмет айта баштадым, ичи-тышым нурга толду. Отуз бешимде мечитке кирдим, талиптерге туура жолду көрсөттүм. Отуз алтымда кемал мартабасына жетиштим. Отуз жетимде Ак жолуна толук кирбедим. Отуз сегизимде өмүрүмдүн бош өткөнүн ойлонуп ыйладым. Отуз тогузумда азап тартып, тобоо кылдым. Кырк жашымда ый менен убакыт өткөрдүм. Кырк биримде ыклас ээси болдум. Кырк экимде ыклас менен Аршы, Күрсү, Левхден өтүп, Калем кездим. Кырк үчүмдө акты издедим, көз жашымды көлдөй төгүп, чөлдөрдү кездим. Кырк төртүмдө махабат базарында жакам жыртып кыдырдым, Мансур сымал ышкы отуна башымды сайдым. Кырк бешимде Актан жардам тилек кылып күнөөлөрүмө тобоо кылдым. Кырк алтымда зоок, шоогум толуп ташты. Рахматыңдан тамчы тамды, шайтан качты. Кырк жетимде жети жактан кабар (илхам) келди, чөйчөк сунуп, Кожом өзү шарап берди. Кырк сегизимде азиз жадымдан тажап күнөө дарты менен чарчадым. Кырк тогузда ышкы мени күйгүздү, Мансур сымал адамдардан алыстадым: өмүрүмдүн бош өткөнүн, бир гана напсим үчүн жашаганымды түшүндүм. Элүү жашта туура жашап, туура акыл кылбагандыгымды түшүндүм. Элүү бирде чөлдөрдү кезип, тоолорго чыгып, таат кылдым. Элүү экимде Ак дидары үчүн үйдөн, барктан (жайдан), жандан, ал эле эмес ыймандан кечтим. Элүү үчүмдө бахдат (бирлик) шарабы насип болду, жолдон чыккан шашкын элем, жолго кирдим. Элүү төрттө тарипат (илим) ээси болдум, Ысмайылдай азиз жаным Ак жолуна курбан чалдым. Элүү беште Аллах шүгүр дидар көрдүм. Элүү алтымда кайрадан тобоо кылдым. Элүү жетимде өмүрүмдүн желдей өткөнүн эстеп, шашып калдым. Аллах шүгүр улук Пирим (Азирети Пайгамбар) колум тутуп куткарды. Элүү сегизимде акыйкаттан кабар сыздым. Элүү тогузумда кай жүз менен актын кадырына барарымды биле албадым, жанталаштым. Көз ачып-жумганча алтымыш жашка чыктым. Алтымыш биримде Актан уялып күнөөлөрүмдөн корко баштадым. Алтымыш үчүмдө Актан «Кир, кул жерге» буйругу келди. Күү шамшарын колума алып, напсимди жанчып салдым, өзүм өлбөй туруп өлдүм. (кар. Хикмет II–VII)

Жогоруда айтып кеткен хикметтердин кыскача маанисине көңүл бурсак, Ахмет Йассавинин өмүр баяны тууралуу кээ бир кабарларды берет. Булардын тарыхына чындыкка канчалык даражада туура же болбосо окшоштугун табуу абдан кыйын. Мисалы: Ахмет Йассавинин Шейх Йусуф Хемеданиге кезиккенинде жыйырма жети жашында болгондугу айтылат. Эгер жолуккан жылы 1110 деп эсептесек Ахмет Йассавинин 1083-жылдарында төрөлүшү керек. Мындай абалда сексен үч же болбосо сексен төрт жыл жашаган болуш керек. Буга карабастан хикметтеринде орун алган бул кабарлар, өмүр баянына, окуусуна, бир жолго кирүүсүнө, жеткен орду (макам) жана мартабаларына болгон кээ бир түшүндүр мөлөрдү келтирүү жогору бааланат. Булардын көбүн тарыхый далилдерге салыштыруусу Ахмет Йассавинин өмүр баянын жапкан имиштер пардасын бир өлчөмдө болсо да ачат жана дагы да күчтүү жоопторду табуубузга жол ачат.

  • * *

Уламыштарга караганда Ахмет Йассавинин Ибрахим аттуу бир уулу болот, бирок кичинесинде эле өлүп калат. Андан башка Каухар Шахназ жана Каухар Кошназ аттарында эки кызы дүйнөгө келет. Тукуму Каухар Шахназ аттуу кызынан тарайт. Түркстан Мавераннахр жана башка Орто Азия аймактарында болгон сыяктуу эле Анадолуда да (Анатолия, Туркия) өздөрүн Ахмет Йассавинин тукумунан эсептеген көптөгөн адамдар табылат. Булардын арасында самарканддык Шейх Зекерия, Үскүптөн Шайыр (акын) ата жана олуя Евлия Челеби айтылат.

Бир уламышта айтылгандай Ахмет Йассавиден эки кылым кийин жашаган Аксак Темирдин (1336–1405) түшүнө акын кирет. Кол башчы жеңишке жетишет. Темир жеңишке жетишкенден кийин 1396–97-жылында Жейхун дарыясын кечип өтүп, Түркстан жана Кыргыз боз кырларында даңкы жана аты менен аябай таанылган Ахмет Йассавинин мүрзөсүнө зыяратка Йассиге келет. Зыярат кылгандан кийин мүрзөсүнүн үстүнө, ал доордун эң мыкты күмбөзүн салдырууга буюрат. Эки жыл ичинде курулушу бүтөт жана күмбөз, мечит жана чеби менен бирликте медресе абалына жетет. Убакыт өтүп урай баштаган күмбөз дагы бир имиштерге караганда Абдуллах хан, тактап айтканда, Шейбани хан тарабынан негизги шекилге келтирилип, оңдоп-түзөп коюшу мүмкүн. Накшыбенди болгон Шейбани хандын Кулкожонун күмбөзүн оңдошу, Ахмет Йассавини өтө урматтаганын, Кулкожонун кадыр-баркы эл арасында да жайылгандыгын көрсөтүшү маанилүү. Күмбөз Мавераннахр калкы жана көчмөн элдер үчүн дагы куттуу зыярат жери болгону, Йассави рух илиминин борбору катары эсептелет. Жыл сайын белгилүү бир айда Йассиде чогулган он миңдеген кыргыз, казак, өзбек, түркмөн эли бул жерде бир жумалап конуп-түнөп ибадат кылып сыйы нышат, диний майрам кылышат. Өзгөчө көчмөндөр үчүн, өлгөндөн кийин Ахмет Йассавинин күмбөзүнүн жанында көмүлүшү артыкча кымбат деп эсептешет. Ушул себептен кээ бирөөлөр тирүү кезинде күмбөздүн жанында жер сатып алышып, мүрзөлөрүн алдын-ала даярдап коюшат. Кышында өлгөндөр болсо бир кийизге ороп, бакка асышат жана жазга чейин сакталат. Жаз келгенде алып барышып Ахмет Йассавинин күмбөзүнүн жанына коюшат. Бул салт Ахмет Йассавинин көчмөндөрдүн айтышында «Кара Ахметтин» Орто Азия түрк тилдүү элдердин арасында канчалык таасир эткендигин ачык айтып турат. Чындыгында эле Ахмет Йассави, Орто Азия элдеринин арасында тарыхый инсан катары эле жашап калбастан, бир олуя аты менен жашап келет.

Нурлан БYРКYТБАЕВ

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

«Адамзаттан аябадым, Жүрөгүмдүн жалынын. Жер үстүнө таштап кеттим, Өмүрүмдүн жарыгын».

Аалы

Бүткүл элибиздин зор сүймөнчүлүгүнө ээ болгон классик жазуучубуз Аалы Токомбаев (Балканын) өмүрү менен чыгармачылык иши XX кылымдагы кыргыз адабиятынын, маданият ынын тагдыры менен тагдырлаш, өмүрү менен өмүрлөш болуп, өзү жашаган доор менен биротоло жуурулушуп кеткендигин өзгөчө белгилөөгө тийишпиз. Бул жагынан алганда биздин улуу муундагы жазуучуларыбыздын өмүр тагдырлары, чыгармачылык ой дүйн өлөрү көп жагынан бири-бирине үндөшүп да кетет. Алардын дээрлик баары 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн улуу трагедиясын өз баштарынан өткөрүшкөн, жетимчиликтин, жокчулуктун азабын тартышкан, анан жалпы кыргыз калкы менен бирге Октябрь төңкөрүшүн, Совет бийлигин кучак жая тосуп алышып, элдик бийликтин камкордугун көрүшкөн. 14–16 жашка келгенде кат таанышып, окууга умтулушуп, колдоруна калем кармап, ар тараптуу терең илимдери болбосо деле жаңы жазма адабиятты жаратууга бел байлап киришкен. Аалы Токомбаев ошолордун арасында алдыңкы катарда жүргөн. Биринчилерден болуп Ташкендеги Орто Азия Коммунисттик университетин бүтүргөн, биринчилерден болуп Октябрь төңкөрүшүн даңазалап ыр жазып, «Эркинтоо» гезитине биринчи болуп жарыялап, биринчилерден болуп ыр китебин чыгарып, биринчилерден болуп «Эркинтоо» гезитинин редакторлук кызматын өтөгөн. Жаңыдан жарала баштаган профессионал жазма адабиятыбызга жаңы адабий жанрларды биринчилерден болуп киргизүүгө аракеттенген. 25 жашында биринчи болуп ыр менен роман жазууну баштаган. Биринчилерден болуп «Ча буул» (азыркы «Ала-Тоо») журналын уюштурган. Кыргыздын жаңы жазма адабиятынын тарыхында 1933-жылы биринчи жолу А. Токомбаев (Балканын) чыгармачылык ишинин 10 жылдык юбилейи өкмөт жана жалпы эл тарабынан салтанаттуу түрдө белгиленген. Кыргызстандын жазуучуларынын биринчи съездинде чоң мазмундуу доклад жасап, Жазуучулар союзунун биринчи төрагасы болуп шайланган. Кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчилерден болуп ада бият теориясынын маселелерине кайрылып, аларды өзүнүн каламдаштарына туура түшүндүрүп берүүгө аракеттенген. Биринчи болуп 1936-жылы кыргыз тилин мамлекеттик тил деп Конституциябызга киргизүүнү сунуш кылган.

Кыргыз жазуучулары менен акындарынын ичинен «Кыргыз Эл акыны» деген наам биринчи болуп А. Токомбаевге берилген. Кыргыз адабиятынын тарыхында Токтогул атын дагы мамлекеттик сыйлыкты биринчи болуп алган, ага Социалисттик Эмгектин Баатыры деген атак кыргыз жа зуучуларынын ичинен биринчи жолу ыйгарылган. Аалы Токомбаев кыргыз илимдер академияс ынын адабият таануу жагындагы биринчи академиги. Кыргыз жазма адабиятынын калыптануу, өнүгүү процессинде өзүнүн чыгармачылык жактан өнөктүү лүгү жана активдүү коомдук ишмердиги менен көпчү лүк кыргыз жазуучуларына күчтүү таасир эткен би ринчи жазуучубуз да дал ушул Аалы Токомбаев. Кыскасы, «биринчи» деген мүнөздөмөнү Аалы Токомбаевдин атына багыштап айта берсе сөз дагы узара берет. Анткени ал киши биз жогоруда сөз башында эскерткендей, совет доорундагы кыргыз элинин жазма адабиятынын жаралыш, калыптаныш жана өнүгүш процесси менен биротоло ажырагыс болуп чырмалышып калган даңктуу чыгармачылык жолду басып өткөн.

Булардын баарын эске салып жатканымдын себеби мында аталган жана аталбаган көп сандаган эмгектеринин сандык жана сапаттык бийиктиги Аалы Токомбаевди совет доорундагы кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн алдыңкы катарына коюуга толук негиз болуп берет. Мына ушул жерде «негиз сал уучу» деген түшүнүккө бир аз токтоло кетүү зарылдыгы туулат. Орус адабиятын изилд өөчүлөр бир сөздөн А. С. Пушкинди орус адабиятынын негиз салуучусу деп мүнөздөшөт. Пушкинге чейин эле таланттуу акындар, жазуучулар орус адабиятын башташып, анын пайдубалын түптөшүп, көрүнүктүү эмгек сиңиришкен. Бирок ошого карабастан, «негиз салуучу» деген приоритетти көбүнчө Пушкинге таандык кылып айтышат. Эмне үчүн?

Эң биринчи кезекте Пушкин орус адабий тилинин нормаларын иштеп чыгууда көрүнүктүү эмгек сиңирген. Экинчиден, Пушкин бардык адабий жанрларда классикалык үлгүдөгү чыгармаларды жарата алган. Үчүнч үдөн, орус поэзиясын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүгө, анын реалисттик эстетикалык негизин түзүүгө жетишкен. Төртүнчүдөн, Пушкин орус адабиятынын, орус мадан иятынын андан аркы өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген. Мына ушул сыяктуу теңдешсиз эмгектери аны орус адабиятынын негиз салуучусу деп атоого толук мүмкүндүк берген.

Кыргыз адабиятында Аалы Токомбаев да ушуга окшош эмгек сиңирген. Анын чыгармаларында XIX кылымдын ортосунан XX кылымдын жетимишинчи жылдарына чейинки кыргыз элинин турмуш чындыгы, элдин башынан өткөн чоң тарыхый окуялары кеңири чагылдырылган.

«Өлбөстүн үрөнү» тарыхый драмасында XIX кылымдын ортосундагы кыргыз элинин коомдук-саясий абалын, уруу чабыштарынын кыргын, сүргүнүнөн кутулуп, тынч жашоо менен прогресске умтулуу аракетин көрсөтсө, ыр менен жазылган «Кандуу жылдар» («Таң алдында») романында кыргыз элинин таң жарыгына – улуттук-боштондукка жана эркинд икке умтулган татаал күрөш жолун элестеткен. «Күндүн чыгышы» драмасында чыныгы элдик бийликтин 1917-жылы карапайым эмгекчилердин колуна тийиш кандай кыйынчылык менен ишке ашкандыгын сүрөттөгөн. Кыргыз элинин андан аркы совет доорундагы турмушу окурмандардын сүймөн чүлүгүнө ээ болгон «Жараланган жүрөк», «Мезгил учат», «Солдат элек» повесттеринде, «Менин метрикам», «Майлыбай», «Өз көзүм менен», «Комуз күүсү» поэмаларында жана көп сандаган ырларында чоң реалисттик дем менен көркөм элестетилген. Мындай бир кылымдан узак мезгилдин көркөм летописин түзгөн Аалы Токомбаев Максим Горькийдин сөзү менен айтканда өз элинин көрөр көзү, угар кулагы, сезгич жүрөгү катары анын турмуш чындыгын даана туюп, өзү жашаган доордун үнү катары элдин ички дүйнөсү менен күрөш санжырасынын добушун кылдат тыңдап, анын көркөм элесин жарата алды.

Кыргыз адабияты менен искусствосунун бардык тармактарында Аалы Токомбаевдин калтырган чыгармачылык мураст ары анын универсал талант экендигин айгинелеп турат. Адамдын жан дүйнөсүндөгү ар кыл сезимдердин жаңы кырларын ачып, терең философиялык лирикалык ырларды, элди, жерди, Мекенди чексиз сүйүүгө үндөгөн патриоттук бийик идеялуу атуулдук поэзияны, тарыхый жана турмуштук мазмунга, көркөм образдарга бай ыр менен жазылган роман баш болгон дастандарды жараткан Аалы Токомбаев биринчи кезекте чыныгы элдик акын катары атагы чыккан. Андан соң ал оригиналдуу жазуу манерасы бар кара сөз чебери, күчтүү драматург экенин тааныта алды. Кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчи болуп адабий сын жана адабият таануу жагында 60 жыл бою тынбай иштеп, өзүнүн каламдаштарынын чыгармалары тууралуу эч жалтайлабай өз билгенин түз айтып, сын пикир жазууну үзгүлтүксүз уланткан жана бул багытта эң көп мурас калтырган да дал ушул Аалы Токомбаев. Поэтикалык көркөм котормо жагынан да оозго аларлык эмгек калтырууга үлгүргөн. Көркөм публицистика жанрын баштап, бул жанрда көп иштеген жагынан да Аалы Токомбаев өрнөк көрсөтө алды. Жазма поэзиябыздагы сатира жанрын баштап, аны жазууну үзгүлтүксүз улантып, акыры «Чалкан» журналын уюштуруунун приоритети да Токомбаевге таандык. Кыргыз кино искусствосундагы алгачкы көркөм фильмдердин бири «Моюнга алуу» деп аталып, ал Аалы Токомбаевд ин чыгармасынын негизинде тартылган.

Кыскасы, А. Токомбаев кыргыз поэзиясын профессионалдуу деңгээлге көтөрүп, лирикалык, эпикалык багытын калыптандырып, өнүктүрүп реалисттик эстетикалык негиздерин түзүштү, адабияттын бардык негизги жанрларында өзүнүн өчпөс изин калтырды. Кыргыз элинин адабий тилин түзүүгө эбегейсиз чоң салым кошту.

Кыргыз элинин жаңы жазма адабиятын негиздөөгө ушунчалык көп эмгек жумшаган Аалы Токомбаевдин дагы бир эң орчундуу чыгармачылык аракетине өзгөчө токтоло кетүүгө туура келет. Бул анын кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө тийгизген күчтүү чыгармачылык таасири жана өзүнүн каламдаштары менен болгон чыгармачылык карым-катнаш маселеси. Биз көп жылдар бою кыргыз жазуучуларына орус жана башка элдердин адабий тажрыйбаларынын тийгизген таасири жөнүндө айтып, өзүбүздүн улуттук адабиятыбыздын өкүлдөр үнүн бири-бирине тийгизген чыгармачылык таасири жөнүндө ооз ачпай келдик. Албетте, адабий өнүгүшүбүздүн бул маанилүү чындыгын эске албагандык көп учурда тигил же бул жазуу чубуздун чыгармачылыгын туура түшүнүүгө өз салакасын тийгизип да келе жатат.

Аалы Токомбаев отузунчу жылдардын башында эле кыргыз адабиятындагы эң көрүнүктүү фигура катары таа нылган. 1930-жылдан тарта анын ыр менен жазылган «Кандуу жылдар» романынын үзүндүлөрү гезит, журналдарга жарыялана баш таган. 1935-жылы бул романдын биринчи китеби жарыкка чыгып, кыргыз жергесине чагылгандай тез тараган, айыл жерлериндеги сабатсыз адамдар түнкүсүн бир үйгө чогулуп алышып, кат билген бирөөнө окутуп угушуп, үркүндүн траге диясын көз алдыларына келтиришип, көз жаштарын сүртүп отуруп угушкан. «Кандуу жылдар» романынын ушундай ийгилигине чейин совет доорундагы кыргыз адабиятында мындай көлөмдүү чыгарма али жарыкка келе элек болчу. («Узак жол», «Кең суу», «Каныбек» романдары андан бир-эки жылдан кийин жарык көрдү.)

Сөзсүз, А. Токомбаевдин ушул чыгармачылык өрнөгү өзүнүн каламдаштарын суктантпай, таасирлентпей койгон эмес. Отузунчу жылдардын башында эле Жоомарт, Жусуп, Кубанычбек, Темиркул, Алыкул, Райкан, Абдрасул өңдүү акындар Аалы Токомбаевди өзүбүздүн устатыбыз, мугалимибиз деп, өздөрүнүн андан таасир алышканын ачык эле гезит-журналдарга жарыялап турушкан. Алыкул өзүнүн бир ырын Токомбаевдин «Кыргызстан» деген ырынын таасири менен жазылды деп эскертс е, Райкан өзүнүн бир ырын Токомб аевдин «Акай мерген» чыгармасынын таасири менен жазылды деп белгилейт. Мындай мисалдарды өтө көп келтирүүгө болор эле. А.Токомбаев да өзүнүн чыгармачылык жардамын алардын эч кимисинен аяган эмес. Жусуптун эң алгачкы ыр китебин редакторлоп, кириш сөзүн жазып, акындык өзгөчөлүгүн таамай, көрөгөчтүк менен белгилеп көрсөтүп, ошол басыгыңдан жазба деп кеңеш берет. Алыкулдун ырларын мактап, ал кыйын абалда калганда «Чабуул» журналына орноштуруп, акындык талантынын өрчүшүнө багыт берген. Жоомарт окуп жүргөн окуу жайынын жетекчилери тарабынан куугунтуктала баштаганда, алар жөнүндө фельетон жазып, окуу жайынын жетекчилерин кызматтан четтетип, Жоомарттын Фрунзедеги педтехникумга которулушуна жардамдашып, чыгармачылыгынын андан аркы өркүндөшүнө көмөктөш болгон. Педтехникумдун алдында түзүлгөн «Кызыл учкун» адабий ийримин уюштуруучулардын жана жетектөөчүлөрдүн алгачкыларынан болгон.

Пендечилик деген кыйын да, 1937-жылы 16-октябрда Аалы Токомбаев түрмөгө камалгандан кийин (К. Тыныстанов 1937-жылы 2-августта камалган), мурда:

Тигил жаткан азоо толкун,

Ал – таланты «Балканын», Окуучусу экөөбүз деп, Ошон үчүн айтамын.

Биринчи орун тарыхтан,

А.Т. «Балка» сеники

Ач съездди, дүңгүрөт, Кубануу милдет меники –деп ырдаган акындарыбыз кайра А.Токомбаевди жамандап гезиттерге жазып чыгышты. 1939-жылы 4-июнда түрмөдөн акталып чыгып, «Тууган эл» аттуу күчтүү ыр китеби менен «Жараланган жүрөк» деген кара сөз жыйнагын жарыялап, кайрадан чыгармачылык жаңы дем менен жарк деп көрүнгөндөн кийин баягы акындарыбыздын баары өздөрүнүн мүлтүлдөк позицияларынын туура эмес экендигин сезишип, кайрадан Аалы Токомбаевди ээрчип калышкан.

Ошолордун көпчүлүгү согуш мезгилинде фронттон ата-энелерине, аялдарына айтпаган сырларын Аалыга кат аркылуу айтып, сырдашып да турушкан. Азыр ал каттар мамлекеттик архивибизде сакталып турат, айрымдарын 1970-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитине жарыялаган элем, аны кызыккандар окушса, Аалы менен анын каламдаштарынын мимилелери кандай болгонун так жана ачык, даана түшүнө алышат.

Мына ушул жерден мурда айтылбай келген, айтылса да жогору деңгээлде сөз болбой келген Аалы Токомбаевдин чыгармачылык тагдырына туш болгон бир укмуш чындыкты баса белгилеп айта кетүүгө туура келет.

Кыргыз жазуучуларынын ичинен чыгармачылык иши үчүн Аалы Токомбаевдей жабыр тарткан бир дагы жазуучу болгон эмес, тагыраак айтканда, башка жазуучулар чыгармачылык иши үчүн бир эле жолу жабыр тартса, Аалы Токомбаев бир канча жолу жабыр тартты.

Биринчи жолу Аалы Токомбаевдин чыгармаларына саясий, идеялык айып коюу иши 1924-жылы башталган экен. Ошол жылы өзүнүн «Ленин тууралуу» деген ыр китебинин кол жазмасын Түкстандын Борбордук Аткаруу Комитетинин алдындагы билим комиссиясына өт көргөн. Ал кол жазманы Касым Тыныс танов рецензия лаган. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган Белоцкийге К.Тыныстановдун 1937-жылы 2-февралда жазган катынан үзүндү окуп көрөлү: «… Рукопись этого сборника попала на рецензию ко мне и получила с моей стороны отрицательный отзыв как не верно толкующая образ Ленина, как вождя и ленинизма, а также изображаю щая «Вождем» Троцкого. В результате моего заключения сборник в Киргизии не был опубликован. Издан он ИЗПАРТТом Сред. АЗБЮРО ЦК ВКП (б) в 1927 г. в городе Ташкенте».

Ыр китеп жарыкка чыккандан кий ин да К. Тыныстанов аны колдонуудан алып салуу сунушу менен 1937-жылга чейин партиялык жетекчиликке тынымсыз кайрылып, катуу аракет кылган. Бирок А. Токомбаевдин бактысына жараша «Ленин тууралуу» деген ыр китебин колдонуудан алып таштоо жөнүндө чечим болгон эмес.

Андан кийин Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романы катуу ча буулга учураган. Мурда «Большая советская энциклопедияга» мактап жазган сынчы Өмүркул Жакишев 1949-жылы А.Токомбаевдин бул романын эч негизсиз эле зыяндуу чыгарма деп «Советская Киргизия», «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине жазып чыккан. Акыры 1952-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюросу бул романдын идеялык каталыктары үчүн деген мотив менен колдо нуудан алып таштоо жөнүндө чечим чыгарган. Кырдаал өтө курчуп, А. Токомбаевдин өмүрүнө коркунуч туулганда ошол кездеги Борбордук Комитеттин биринчи секретары И. Раззаков А. Токомбаевди чакырып алып, маселеңиз бюрого коюлса, мен коргогон менен жалгыз болуп калганы турам, партиялык учеттон чыгарууга жардам берейин, бир аз убакыт башка жерге кетип, көздөн далдаа боло тур ганыңыз оң болот го деп кеңеш берет. А. Токомбаев  И. Раззаков айткандай иштеп, Москвага барып жашап калат да, Горький атындагы адабий институтка кирип окуюн деп барса, САКУнун документи жарабайт, ал 7-класс тын эле көлөмүндөгү документ деп, кабыл албай коюшат. А. Токомбаев сабактарга эркин катышууга уруксат алып, адабий институтка барып окуп жүргөндө бир күнү ВКП (б) БКга чакырылат. Барса Кыргызстандан арыз түшүп, Токомбаев да улутчул деп күнөөлөп жаткандыгын билет. Акыры Токомбаевди арыз ээси менен бетме-бет айтыштырып, эч күнөөсү жок экенине көзү жеткенден кийин ВКП (б) БКнын жооптуу кызматкери: «Экинчи бул маселе менен Сиздин тынчыңызды албайбыз» – деп актап куткарат. Ошондон кийин Аалы Токомбаев «Кытайдагы жолугушуу» аттуу мыкты поэмасын жазып, аны орусчага котортуп, «Огонек» журналына жарыялайт. Поэма «Огонек» журналынын жылдык биринчи сыйлыгын алууга татыктуу болот. Ошондой ийгиликтен кийин гана бир жыл чамасынан соң Аалы Токомбаев кайра Кыргызстанга кайтат.

Ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин элүүнчү жылдары эле Аалы Токомбаевди партиядан чыгаруу маселеси көтөрүлүп, аны уюштургандар И. Раззаковго барып айтышканда ал киши угуп туруп, анан: «Кыргызстанда канча Токомбаев бар?» – деп сураган экен. Беркилер: «Бир эле Токомбаев бар да» – деп жооп беришип, суроонун маанисине анча түшүнө бербей делдейишет. Ошондо Раззаков: «Эгерде А. Токомбаев Кыргызстанда экөө-үчөө болсо, анда бирөөнү тандап алып, калганын жок кылсак болот эле, тилекке каршы, А.Токомбаев бирөө эле турбайбы, андай болгондон кийин аны менен иштешүүгө туура келет» – деп жооп берген экен. Муну ошол процесске катышкан, Жазуучулар союзунун ал кездеги партия уюмунун катчысы, маркум акын Түмөнбай Байзаковдун өз оозунан бир канча жолу уккан элек.

А. Токомбаевдин 1947-жылы чыккан «Таалай издеген индус» аттуу поэтикалык жомогу менен 1970-жылы эле жарык көргөн «Момия» деген ыр китеби да Борбордук Комитеттин чечими менен колдонуудан алынып ташталган. Ушунун баары А. Токомбаевди канчалык жабыр тарттырганы, канча нервин бузуп, ден соолугун начарлатканы айтпасак да түшүнүктүү эмеспи. Эң кызыгы, А. Токомбаев өмүр бою социалисттик коомду даңктап, социалисттик идеялар үчүн күрөшүп жүрүп отурганына карабастан, анын колдонуудан алынып ташталган китептери бүт бойдон идеялык каталыктар кетирилгендиги үчүн деген мотив менен өрттөлгөн.

Ал эми иш жүзүндө А. Токомбаев чындыкты туура айткандыгы үчүн күнөөлөнгөн.

Жакшы кылсаң адамга Бир жамандык ойлонот. Жаман кылсаң адамга

Тагдырым деп тим болот.

«Таалай издеген индус» жомогунда ушул чындык айтылган. «Момия» жыйнагына 1937-жылкы репрессия учурунда бөрк алуунун ордуна баш алып турган кээ бир кошоматчы кызматкерлердин аты аталган ырлары жарыяланган. Албетте, мындай сөз аты аталган адамдарга гана эмес, анын жакындарына, өзгөчө бийликте турган жакындарына жакмак эмес. Эң идеялуу акын Аалы Токомбаевди идея жагынан ооздуктоо аракети токтотулуп калбай улантылып жүрүп отурган. Француз элинин улуу уулу Вольтер өз учурунда: «Адамдарды жүрөктү козгоочу жаңы чындыктарга үйрөтө албаган ырлар окууга татыксыз» – деп айтса, чили элинин улуу акыны Пабло Неруда: «Бардык мезгилдерде поэз ия көчөгө чыгып салгылашууну өзүнүн ар-намыс, абийири деп эсептеген. Козголоңчу деп аташканда да акын корккон эмес. Поэзия дайыма козголоң. Коомдун негиздерин бүлдүрүп жатасың деп күнөөлөгөндө да акын коркуп калбаган» – деп таамай жазган экен.

Улуу адамдардын айткандары кандайдыр бир даражада А. Токомбаевдин поэзиясына төп келип турат. Акындын чындыкты түз айткан жалтанбас эрдиги, поэ зиясынын чындыгы, атуулдук позициясынын бекемдиги өмүрүнүн акыркы минуталарына чейин эч басаңдаган жок, тескерисинче, курчугандан курчуп отурду. Баатыр деген атына заты жооп берген мындай адамдар дүйнөдө эң эле сейрек кездешет болсо керек.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Аалы Токомбаев «Манас» эпосунун ыйыктыгы, тазалыгы, бийик идеялуулугу үчүн күрөштү. Эпостун Сагынбай Орозбаков айткан вариантынын 1978-жылы чыккан биринчи томунда:

… Аяк жагы Ая-Күз,

Арасында Сары-Арка,

Ары чети Орол-Тоо

Эске алып деңиз, көлүнү

Талашып Иле чөлүнү

Кытай бербейт деп ойлойм Анжыян, Кашкар жерини (263-бет) –деген сөздү Манастын атасы Жакып хан айтчу. Мында чыны менен эле Кытай өкмөтүнүн ошол кезде СССРге территориялык дооматты катуу коюп жатканына үндөш маани айтылып жатк андыгы, тагыраак айтканда, Анжиян, Кашкар, Иле өңдүү жерлерди кытайларга таандык кылып Жакып хандын айтып жаткандыгы ачык эле түшүнүктүү болуп турат. Аалы Токомбаев эпосто дал ушундай так эместиктин кеткендигин эскертип, эгерде Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү эпостогу жогорку саптарды котортуп, анан эпосуңарда да аталган жерлердин Кытай элине таандык экендиги айтылып жатпайбы десе, эмне деп жооп беребиз? Эмне үчүн редакциялык коллегия, анын башкы редактору мындай жерлерди караган эмес – деп, Кыргыз илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлү мүнүн бюросунун чакан чогулушунда олуттуу доомат койгон. Ал чогулушка мен да катышкан элем. Бул дооматты туура эмес дегендер: «Жомокто андайлар боло берет. А. Токомбаев жомоктун закондорун түшүнбөй жатат» – деп жекелешкен. Бирок «Манас» эпосу жалаң эле жомок болбостон, кыргыз элинин тарыхынын да анчамынча учкундары бар чыгарма экендигин эстесек, анда А. Токомбаевдин койгон дооматынын да чындыгы бар экендигин биротоло танып коюуга болбос. Ошол себептүү «Манастын» Сагынбай айткан биринчи тому колдонуудан алынып ташталып, кайра 1984-жылы басылганда Жакып хандын жогорку сөздөрү алынып ташталып жарыяланган. Мындан улуу эпосубуз гана чоң утушка ээ болду да…

А. Токомбаев өмүрүнүн акырына чейин, жогоруда эскертилгендей, «Манас» эпосунун элдүүлүгү үчүн (анын ыйыктыгы,тазалыгы үчүн) күрөшкөн, эпосту пропагандалап таанытуу боюнча көп эмгек сиңирген. 1946-жылы «Манас» операсы коюлган. Анын либреттосун А.Токомбаев, К.Маликов менен биргелешип жазган. «Семетей» эпосунун бириктирилген вариантын түзүп жарыялаган. 1955-жылы «Манас» деген эмне?» деп макала жарыялап, «Манас» деген сөздүн мааниси улуу рух, даанышмандык, айкөлдүк дегенди туюндурарын байыркы хинди тилиндеги сөздүн маңызын чечмелөө менен түшүн дүргөн. 1952-жылы 2-февралда Г. Нуров «Чоң казат» китеби жөнүндө» деген макаланы «Советская Киргизия», «Кызыл Кыргызстан» газеталарына жарыялап, анда «Манас» эпосунун элдүүлүгүн жокко чыгаруу көз карашы айтылган. Ошондо кыргыз болгон жеринен А.Токомбаев биринчи болуп эпостун элдүүлүгүн далилдеп, «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндө» деген макаласын 1952-жылы 28-мартта эки гезитке жарыялаган. Андан кийин гана С. Мусаев, С.Даронян, М. Богданова, Ж. Таштемиров, Ө. Жакишев, И.А. Батманов, Б. Юнусалиев, К. Баялинов, Т. Сыдыкбековдор макала жазып, «Манас» эпосунун элдүүлүгүн жактап чыгышкан.

Кээ бирөөлөр ашкере апыртып, «Манас» эпосун 1952жылы жалгыз М. Ауэзов сактап калган деп айтып жүргөндөй иш эч качан болгон эмес. Тескерисинче, «Манаска» каршы атылган окко биринчи болуп А.Током баевдин көкүрөк тоскону талашсыз чындык. Андан кий ин жогоруда эскертилгендей, калган авторлор «Манасты» жактап чыгышып, макала жазышкан. Ал эми М.Ауэзов болсо, эпосту изилдөөчү катары 1952-жылы 6–10-июнда болуп өткөн илимий конференцияда сүйлөп, өзүнүн аргументтүү ой-пикирлерин айтып, эпосту коргошкон. Анын бул эмгегин биз жокко чыгарууга ти йиш эмеспиз.

1987–1988-жылдары 84 жашка келип, ооруп араң жүргөн А.Токомбаевди бир беткей каралап жамандаган компания уюшулуп, акынды «Манас» эпосу менен кыргыз тилине каршы чыккан адам катары мүнөздөп түшүндүрүү аракети күч алды. Албетте, чындык такыр андай эмес болучу. А.Токомбаев эпостун Сагынбай Орозбаков айткан вариантындагы айкөл Манасыбыздын залкар образына көлөкө түшүрө турган олдоксон бир-эки эпизодго гана каршы өз пикирин айткан жана ыйык көргөн Манасыбыздын атын тамеки, арактын этикеткаларына чейин коё берүүгө каршы чыккан. Ошондой эле А.Токомбаев кыргыз тилине каршы чыккыдай ал кезде акыл-эсинен ажыраган эмес болчу. А.Токомбаевдин «Үч чындык» аттуу атактуу ыры казак акыны Бухар жыраудан көчүрүлүп алынган деп акынды адабият уурусу катары мүнөздөгөн макаланын А.Токомбаевдин дүйнөдөн кайтар менен гезитке жарыяланышы өтө өкүнүчтүү болду. Мындай жалаанын эч негизи жок экендиги, А.Токомбаевдин ырынын 1938жылы түрмөдө отурганда жазылып, 1939-жылы «Советтик адабият жана искусство» журналына жарыяланганы, ал эми Бухар жырауныкы делген ырдын 1962-жылы гана биринчи жолу жарык көргөндүгү далилденип, жалаа жабуу аракети документалдуу фактылар аркылуу биротоло жокко чыкты. Мезгил өтүп, А. Токомбаев жөнүндө чындык сөз көбүрөөк айтылып, акынга жабылган кара көө жуулган сайын 1987–1988-жылдары А.Токомбаевге каршы жарыя ланган макалаларга, каттарга коллектив болуп уюшуп кол койгон каламдаштар эми ичтеринен өкүнүшүп, күнүмдүк компанияга, кошоматтуу саясатка кошулгандыктарына беттери чымырап, уялып жүрүшкөнүн күндөлүк турмуштан байкап да келатабыз.

Чыныгы чоң таланттын айрым кемчиликтерин түз айтып эскертүүгө болор, бирок ал айткан чындыкка көө жаап, аны жок жерден каралап кемсинтүүгө, төмөнсүнтүүгө тарых жол бербейт.

Акырында бир-эки конкреттүү сунуштарды айта кетсек өкмөттүн жана коомчулуктун ойлонушу үчүн артыкбаштык кылбас деп ойлойм.

Аалы Токомбаевдин эмгегин аттары жогорку окуу жайларына коюлган, баарыбыз урматтап сыйлаган И.Арабаевдин, К. Тыныстановдун эмгектеринен кем баалоо эч бир адилеттикке сыйбайт. Кемин райондук кеңешинин жыйыны Быстровка шаарчасына А. Токомбаевдин атын берүү жөнүндө чечим чыгарыптыр. Бул эң туура чечим болгон экен. Кээ бир өз мурдунан нары жакты көрө албаган интеллигенттер, кызматкерлер жерге адамдын атын коюу туура эмес деген пикирди айтып, жазып жүрүшөт. Биринчиден, адам баласы да жер, суу, тоо, айбанат сыяктуу эле жаратылыштын бир бөлүгү экенин унутпасак, экинчиден, тээ байыртан эле кыргыз эли жерди тигил же бул мыкты адамдын атына атап келгенин эстен чыгарбасак. Мисалы, 1878-жылдары падышалык Россия Талкан болушу, Бөлөкбай болушу, Атаке болушу деген официалдуу административдик-территориялык жер бөлүнүштөрүн бардык иш кагаздарында, документтерде колдонуп келген. Үчүнчүдөн, алыс барбай эле Чүй боорундагы Ивановка, Гавриловка, Романовка, Петровка, Ново-Николаевка сыяктуу кыштак аттарын көрүп туруп, башка элдерге жер аттарын адам аттары менен атоого жол берилип, ал эми кыргыздарга жол берилбейт деп түшүнүшүбүз керекпи? Же Шабдан, Байтик, Т.Усубалиев өңдүүлөрдүн аттарын коюуга уруксат, ал эми А. Токомбаевга уруксат жок деп кабыл алышыбыз керекпи? Менимче, Чүй областтык кеңеши жана Жогорку Кеңеш райондук кеңешти колдоп, Быстровканы Аалы Токомбаев шаарчасы деп атоого чечим чыгарса эч жаңылбас эле.

Аалы Токомбаевдин, Алыкул Осмоновдун атын шаардын четки бир кыска, кичине көчөсүнө коюлган бойдон тим калтырбай, борбордогу чоң көчөлөргө которуу жагын тиешелүү чоңдор ойлонуу керек. Ахунбаевдин ысымын чакан көчөдөн чоң көчөгө которбодукпу. Демек, көңүлдөнсөк болот экен да. Маданий турмушубуздун өлбөс казынасынан түбөлүк орун алган А.Токомбаев, А.Осмонов өңдүү адамдарыбызга кайдыгерлик мамиле кылганыбыз кудайга жакпас.

Азыр Республикабыз эгемендүү өлкө болуп, рынок экономикасы деп аталган капиталисттик коомго өткөн кезибиз. Бул коомдо акча менен байлыктын ээси болгондор үчүн чыныгы эркиндик болорун өз көзүбүз менен көрө баштадык. Өкмөттүн жардам берүүсүнүн аркасында Аалы Токомбаевдин үй музейи кеч болсо да бүткөрүлүп, эстелиги тургузулду.

Мезгил закымдап өтө берет, замандар алдастап алмашылат, адамдардын улам жаңы муундары тирүүлүктүн жаңы-жаңы түйшүгү менен алпурушуп, жашоо улана берет. Элдин аң-сезими, анын рухий турмушунун гүлү жана мөмөсү деп мүнөздөгөн көркөм адабият да эл барда жашай берет. Кийин ки кылымдардын адамдары XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхын эстегенде эң алгач алды менен Аалы Токомбаевди оозго аларына мен терең ишенем. Аалыкенин биз жеткире айталбай калган улуулугу, таланттуулугу, баатырлыгы, бийик инсандык касиети жөнүндө ошондо жаңы адамдардын жаңыча аңыз кылып айтышаары да талашсыз чындык.

Качкынбай АРТЫКБАЕВ

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

Мукай Элебаевдин чоң акын экендиги 1924-жылы «Эркинтоо» газетасынын чыгышы менен эле бүткүл Кыргызстанга белгилүү боло баштады. Жаңылбасам, анын «Зарыгам» бүткүл окуу издеген кыргыз жаштарынын арманы, үмүтү, тилеги болучу. Ырдын ар бир сабы чынында да акындын жалындуу жүрөгүнүн илебинен жаралган. Биз айыл мектебинде окуп жүргөн чагыбызда «Зарыгамды» бүт бойдон жаттап алып, обонго салып ырдап жүрчүбүз.

«Зарыгам» «Эркинтоого» чыккандан кийин, мен Мукайдын ырын үзбөй окучу болдум. Ырлары уйкашка бай, сөздөрү маанилүү келип, эмне үчүндүр качан окусаң да өзүнө тартып турар эле.

Ал кезде окугандардын бүт чыгымын мамлекет өз мойнуна алып окутуучу, чоң окууларга кедей, батрак балдарынын арасына бай-манаптардын, эски тилмечтердин балдары да кедей тонун жамынып өтүп кете беришчү. Ошондой эле Алматыдагы жана Ташкендеги Казак-Кыргыз педагогикалык институтунда окуган көбүнчө ошолор болучу. Ошол абал белгилүү болгондон кийин 1927–28-жылдары атайы тазалоо жүргүзүлүп, Фрунзедеги Педтехникумдан бай-манаптардын жашырынып окуп жүргөн балдарынан 17си бир жолу кубаланган.

Мукайды көрө элегимде ал көзүмө өзү ойлуу, муңдуу, далдайган бир чоң киши болуп элестөөчү. Менин эсимде, ошол кездеги кыргыз совет акындарынын эң атактуусу, эң кадырлуу су да Мукайдай сезилчү. Ырлары да газетага көп чыкчу. Ошол жылдарда ырларына сөз тандоо, сөздү өз ордуна коюу жагынан Мукайдын алдына акын чыга элек кези белем?.. Ошондуктан Мукай менин көз алдыма элге ыр менен акыл-насаат айткан абдан бир чоң адам болуп көрүнөр эле. Мукайдын айланасынан адабиятка кызыккан жаштар өтө көп чыккандыктанбы, ал жөнүндө каңшаар, дүңгүрөмө сөздөр да көп угулуучу. Кыскасы, күн өткөн сайын Мукайдын өзүн көрсөм деп эңсеп жүрдүм.

Бул тилегим акыры болду. 1926-жылдын сентябрь айында «Эркинтоо» газетасынын жардамы менен (мен алардын эң жаш айыл кабарчысы болгондугумдан) Фрунзедеги Кыргыз Борбордук Педагогика техникумуна (ал кезде борбордук эл агартуу институту деп да коюшчу) келип, орто даярдоо классына өттүм. Мукай педтехникумдун жогорку даярдоо классында окуйт экен (али 1-курска жете элекпиз). Мукайды өз көзүм менен ошондо көрдүм. Мукай чоң акын делинип таанылып калгандыктан, биздей жаш балдар (мен ошол жылы туура 15те элем) оңой менен дит багып учурашар эмес. Аны чоң-чоң боз балдар, шаардыктарча кийинген уландар жандап жүрүшөт.

Мукай чын эле сырт көрүнүшү мен элестеткендей салабаттуу, калдайып жакшы эле бойлуу, кабагы би йик, өңү чаар болсо да, бет түзүлүшү келишимдүү, кыр мурундуу, адегенде ачылып сүйлөбөгөн түнт өңдүү, дайыма ойлонуп, акырын каалгый басып жүргөн жаш жигит экен.

Кийими да кызык, эски боз шинели бар, ал шинелдин тарыхы дагы кызык. Мукай педтехникумга кирээрдин алдында Караколдо аскер трибуналынын өзгөчө бөлүмүндө милиция болуп иштептир. Ошондо ага атчан аскерлер кийчү бир узун шинель тийген экен. Так ошол шинелин кийип келген. Кийин ошол шинель жөнүндө сурай калсак:

«Жанагы кешиги жок Бегаалы экөөбүз милициядан чоң киши жок, милицияга жазылабыз. Милиция болсоң эле жетишкениң ошол – деп жүрүп, мен чиркин милиция да болгом» (Мукай менен бирге батрактык күн өткөргөн жолдошу, азыркы тарых илимдеринин кандидаты) – деп койчу. Башында күрөң сукно кепка, бутунда өтүк, тыш кебетесине караганда жөн эле аскер кызматында жүргөн адамга окшойт.

Оңой менен ачылып сүйлөбөйт. Дайым колтугунда китеп, китептин ичинде эски калың дептери, бир колунда тоголоктой кармаган газета. Көбүнчө жалгыздап жүрөт. Столовойго келсе да кунтун коюп, бир жагына кыйшайып бир нерсе окуп, көзүн сүзүп олтурат. Бирөө менен сүйлөшсө да, көбүнчө шыбырап акырын сүйлөйт. Качан сүйлөбөсүн, кайда сүйлөбөсүн, жан-жагынан байкаган адамга азыраак сүйлөп, көбүрөөк ойлонуп тургандай элестейт. Ошол кездерде көбүнчө абай салып аңдыганыбыз Мукай болор эле. Эгер арабызга келе калса, көзүбүз да, көңүлүбүз да ошондо. Көчөдөн басып баратса анын алдынан туура басып өтүү же жолун тосуп тура калуу бизде жок. Анткени биз пионер кезибиз.

Педтехникумда ар күнү кечинде келип, бүткүл студенттер сабактарын бышыкташат. Мукайдын бир партага жалгыздап жаагын таянып алып, күбүрөп окуп олтурганы көбүнчө Пушкиндин, Лермонтовдун, Некрасовдун, Белинскийдин, Гоголдун жана башка классиктердин чоң-чоң томдору болор эле. Биз акындын жанынан арыбери өтүмүш болуп аны да байкап алчубуз. Мукай орус адабиятынын классиктери менен тереңирээк таанышуу ишин педагогика техникумунда баштады.

Арадан көп убакыт өтпөй эле калам кармай баштаган жаштар өз аксакалыбыз Мукай менен, Мукай биз менен тааныша баштады. Ошондо күңгүрөнүп жүргөн Мукайдын токсон кыры бар, өнөргө бай шайыр жигит экенин барабара байкадык. Тышкы басмырттыгы, көрсө Мукайдын бир гана кыры экен…

Деги Мукайдын күңгүрөнүү, өткөн-кеткен чактарын эстесе муңканып кетүү жактары күчтүү эле. Кайгылуу, шордуу турмуштун жүрөгүнө баскан тамгасы ошончолук болуп, аны жаш акын эч качан унута албас абалда калса керек.

Балапан чагынан иниси экөө ата-энеден ажырап, Кытайда Текестен кайра кыргыз жерине жөө келиш, кыргыз, орус, уйгур, дунган байларынын колунда малай жүрүш, өлдүм-талдым дегенде көлгө жетиш, Совет бийлиги ачкан окууга өтүп гана көксөөсүн суутуш элдин болочок чоң жазуучусу үчүн оңойго турбаса керек.

Алгачкы таанышкан жылдар (1926–1928) мага ушу күнгө чейин Мукайдын ошол жүрөктөгү эски жарасын айыктырып жүргөн жылдары болуп элестейт. Өз өмүрүн сүйлөп келип:

– Аа, кешиги жок, биз эмнелерди көрбөдүк!.. Жаңкы Беккулу байкуш экөөбүз… – деп улутунуп коёр эле. Көрсө, кичинекей Беккулуну колунан жетелеп, ушул жетимчиликтин, жокчулуктун узак жолун басып өткөн тура. Иниси Беккулуну (Мукайдын бир тууган иниси) эстей калса, качаңкы бир жөө тентип жүргөн күндөрү эсине түшүп, ошондогу ырдап койгон ырын кайталап:

Жаңгыз иним Беккулу, Жаныма кылам эш муну.

Мындан башка мени эстеп, Күйөрүм барбы беш күнү?.. –

деп күңгүрөп, үн салып коёр эле. Андай кезде биз да жымжырт болуп, акын аганы тиктеп, демибизди ичибизге алчубуз.

Мукай сүйлөгөсү келип көңүлдөнүп турганда, анын сөзүн угуп олтуруу биз үчүн өтө чоң ыракат болучу.

Ал өзгөчө Ысык-Көлдө, Монастырда (азыркы эмгек резервдеринин мектеби жайланышкан жерде) айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө, адеп ыр жазууга киришкенин, ошондогу бирге окуган жолдоштору (айрыкча өз теңтуштары) жөнүндө сөз сүйлөп берүүнү жакшы көрүүчү. Мукайдын андагы ынак жолдоштору Мукамбет Дөгдүров, Молдогазы Токобаев, Абдырахман Аралбаев жана башкалар болсо керек. Педтехникумда окуп жүргөндө өзүнө теңтуш көрүп, көбүрөөк тамашага алганы – акын Жума Жамгырчиев жана Саткын Сасыкбаев. Калгандарыбызды бөбөгүндөй же эң кичүү инилериндей сезээр эле.

* * *

Мукай педагогика техникумунун драма ийриминин ишине да жан-дили менен катышчу. Мен чынын айтсам, Мукайдын эски турмушту мактап жазган бир дагы чыгармасын билбейм. Кайсы гана чыгармасында болбосун, өткөн күнгө акаарат көрсөтүп, өткөнгө кыжыры келип олтурар эле. Педтехникумда ар жумада (ал кезде жума дем алыш күнү болуп эсептелчү) окуучулар оюн коюучу. Кээде белет сатылып, биздин оюнубузга бүткүл шаар келүүчү. Алгачкы убакта казак, татар тилдеринен пьеса которуп коёр элек. Кийинчерээк пьесаны педтехникумдун окуучулары өзүлөрү эле жаза турган болушту. Бир жумада жок дегенде бир жаш калам бир көшөгөлүү жаңы пьеса жазышы керек.

Ошондой пьесаларды көбүнчө Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Ташым Байжиев, Саткын Сасыкбаев, Жоо март Бөкөнбаев, кээде мен да жаза коёр элем. Анда калем акыны (гонорарды) ким ойлоптур, эптеп пьесабыз педтехникумдун сахнасына коюлуп, чогулган эл көрсө эле ошого жер баспай дардайып калчубуз. Адабиятка оогон жаштарда демилге эң күчтүү эле.

1928-жылдын кышы болуш керек. Мукай дагы бир күнү бир көшөгөлүү пьеса жазыптыр. Пьесасы он бештеги кызга күйөөлөп келген чал жөнүндө. Чалды Мукай кыздын сүйгөн жигитине кордотуп ырдатат. Жигиттин шылдыңы ушунчалык курч, залда олтурган эл дуу күлөт. Ошондогу ыры али эсимде. Жаңылбасам:

Дөбөнүн башы шиш экен, Кудайдын кылган иши экен. Ушу олтурган жездекем,

Жетимиш беште киши экен!

Ошону менен кыз ою бузулуп, кыз да кайраттанып, чалга барбай турган болгондо көшөгө түшүп кетчү. Ошол кездеги бир көшөгөлүү пьесаларына өзү анчалык баа бербегендиктен сакталбай калса керек.

Мукай жалаң акын-жазуучу эмес, таланттуу обончу, чоң куудул да болучу. (Обончу деген сөздү мен мелодисткомпозитор маанисинде колдонуп олтурам.)

Далай-далай ырларына өзү обон чыгарып, ал эмес ырларды күн мурунтан эле обонго ылайыктап жазып, ошол обондорду ийрим мүчөлөрүнө келип өзү үйрөтчү. Же жазып алган нотасы жок, обондорун көңүлүнө жатка сактап, кадимки дирижерчо алдыбызга чыгып алып, колду шилтеп коюп өзү баштап коңур үнү менен көйкөлүп ырдап турар эле.

Педтехникумда атайын хор ийрими иштечү. Ошол ийрим мүчөлөрү көбүнчө Мукай чыгарган хорлорду үйрөнчүбүз.

Кийинки жылдарда Мукайдын жыйнактарына чыгып жүргөн «Зарыгам», «Биздин жаштар», «Жумушчулар», «Маданият жаңырды» ж.б. ырлардын Мукайдын өзү чыгарган, анан көпчүлүк жаштар ырдап жүргөн обону болор эле. Мукайдын обону боюнча жалаң гана педагогика техникумунун ыр ийриминде эмес, шаардын көп жеринде ошол ырлар ырдалчу.

Азыркы Кыргыз мамлекеттик басмасы турган имараттын ылдый жагында жаңы аптека салынып жатат. 31-жылга чейин ошол жерде бир жакшы чоң үй бар эле. Ал адегенде «Дыйкандар үйү» деп аталуучу. Кийинчерээк «Жумушчулар клубу» деп да аталган. Ошол кезде үйдүн маңдайында М.И.Калининдин көк көйнөк кийип, чалгы чаап тургандагы сүрөтү илинип турар эле. Ошол имарат 1926-жылдан баштап кыргыздын улуттук театралдык студиясынын карамагына өттү. «Карачач», «Кайгылуу Какей» пьесалары эң оболу ошол үйдө коюлду. К.Жантөшевдин «Карачачын» автордун өзүнүн катышуусу менен дагы эле педагогика техникумунун окуучулары элге көрсөттү. Биздин койгон оюндарыбыздын аркасынан концерт болучу. Же болбосо кээде атайын концерт көрсөтөр эле. Ошол концертке арнап көчө-көчөлөргө жабыштырган афишанын эң көрүнүктүү жерине: «Жаш куудул, акын Мукай Элебаев да катышат» – деп бадырайта жазып койчубуз. Аны окуган көпчүлүк кечинде жумушчулар клубунун (театралдык студия) үйүнө сыйбай, үйдүн айланасын дагы курчап кетишчү. Батпагандары терезеден да карап турушчу.

Күндүз эчтемеден кабар жок бейкут өңдүү салаңдай басып жүргөн Мукай кечинде эле ашкан шайыр, оозун ачса эле таңгак-таңгак болуп элден күлкү ыргыйт. Кыргызча, орусча, татарча аралаштырып куудул сөздөргө ширетип сүйүү ырларын ырдайт. Ал гана турсун, өтө кыска, бирок көздөн жаш чыкканча күлөрлүк шумдуктуу аңгемелерди айтат.

Ошол аңгемелердин кайсы бирөөлөрү күнү бүгүн эсимде турат. Ал көбүнчө Мукайдын ар кимге көрсөткөн «баатырлыктары» болор эле. Мукай сөзгө чечен, сүйлөгөндө да келтирип сүйлөгөн адам болучу. Мукай сөздү баштаганда: «Ошол эле дейсиңерби?» – деп туруп баштар эле: «Менин күчүмдү ушундан билгиле, кемпирдин чыйраткан шоонасын мамыга байлап, чирене тээп туруп тартканда, тарс эле дей түшөт». Же болбосо: «Жаңыдан жайган жампаны тамдын үстүнөн күүлөнүп, секирип барып тепкенде былч этип тең бөлүнүп жатып калат». Же болбосо: «Бир көмөч казан нанды бүт бойдон жеп, үстүнөн эки аяк жарманы ысык кезинде бастыра ичип алгандан кийин апам тамак бербей койсо деле, ыйлап көргөн бала эмесмин».

Мына ушуга окшогон турмушта кезиге турган булуңбучкак нерселерди биринин артынан бирин чубап чыгып, чачты сылап коюп, кээде кокурайып, кээде ормоюп, кээде керилип туруп айта берчү. Залдагы эл күлүп жатса да, Мукай мостоюп, сурданып гана сүйлөчү. Шаар турмушуна жаңыдан гана үйүр алышып, театр сахнасы дегенди эми гана көрүп олтурган элге Мукайдын ушундай кичинекей аңгемелери деле кызык учу рачу.

Адам таң кала турган бир нерсе, Мукай демейде ушунчалык көп куудулданып сүйлөгөн болсо да, ал эми чыгармаларына ушундай күлкүлүү учурларды өтө аз кошкон. Акын-прозаик кагаз бетине түшүргөн чыгармаларында өтө суз, өтө токтоо, ал эми көп убактыларда муңдуу күүлөргө батып кеткени байкалат.

Мукай ыр жазганда сол колу менен чекесин таянып, күңгүрөп ичинен ырдап олтуруп жазар эле. Жазгандарын өчүрүп, кайрадан көчүрүүдөн талыкпаган да, ар бир сөз жөнүндө ойлонуудан эрикпеген да жазуучу болучу. Мукай эч качан узун чыгарма жазууга умтулган адам эмес. «Айта турган оюм кайсы жерден бүтсө, каламым дагы ошол жерде тыныгуу керек» – дечү. Кээде айрым куплеттерди, адегенде ырдап алып, кагаз бетине түшүргөн учурлары эсимде. Маселен: 1930-жылы Ленин жөнүндө жазган ырын баштаганда:

Кол жаңылып, тил жазып

Болгон эмес катасы,

Өзү жасап жетилткен

Октябрдын атасы… –деп айтып алып, махорканын күлүн кагып коюп, анан жазууга киришкени эсимде. Ошол ырдын баш-аягын кийин жазып, бирок ушул кичинекей ыр үчүн бир жумача убара болду окшойт. Мукайдын сөзгө чеберчилигинен жана сараңдыгынан ушу бүгүн да далайыбыз үйрөнүүгө болот. Өзгөчө поэзиялык чыгармадагы изденүүлөр, айрыкча жаңы түр табуудагы аракеттери ошол чеберчилик жолундагы тарткан алгачкы машакаттары болуш керек. Ыр түрлөрү жагынан Мукай алгачкы гана кадамдарын шилтей алды. Айтарлык, башкалар ээрчирлик жаңы түр табар мезгилдерде анын кымбат өмүрүнүн алтын зымы үзүлүп кетти…

* * *

Мукай согуштун алдындагы бир нече жыл коом турмушунан өзүн бир аз четтерээк кармагандай сезилип, «жалаң гана адабияттын аркасынан түшкөн» учурлары болгон. Жаш кезинде комсомол активи катарында болсо да, кийин жигиттик өмүргө жеткенде партия катарына өтүүгө өзүн даярдабады. Мен өз пикирим, өз чыгармам менен дайым партиянын жолундамын деп коёр эле.

Ошол жылдары көбүнчө үйдө олтуруп иштеп, кезиндегидей кайнап жаткан турмуштун ортосунда аз болду окшойт. Маркум Мидин Алыбаевдин тили менен айтканда ошол жылдары:

Унчукпай жатып үйүндө, «Узак жолун» улаган.

Мүмкүн ал жазуучунун турмушундагы убактылуу гана бир бейкутчулук чыгар?.. Андай дегеним – Ата Мекендик согуш башталганда Мукайдын акындык, граждандык сезими, анын балбан жүрөгүндөгү жоокерлик кайраты кадимкисиндей буркулдай баштады.

Ал жоого каршы жазган биринчи эле ырынын атын «Улуу марш» койду. Бүткүл совет эли өзүнүн ак эмгектин терине сугарылган жерин ыплас буту менен басып келе жаткан душманга каршы көтөрүлүп, жан аяшпас кандуу кармашка чыкканын элестетти.

1941-жылдын сентябрь айында күн батыштан кан күйүп келе жаткан күндөрдө Алымкул Үсөнбаев, Мукай, мен болуп Аламүдүн районунун Аламүдүн суусун бойлоп эл аралап чыктык. Согуш жөнүндө эл ичинде сөз сүйлөп, чыгармалар окуп берип жүрдүк. Мукай ошондо «Улуу маршты» элге жүрөгүндөгү күчүнүн бардык жалыны менен нечен мертебе окуп берди. Ошондогу ыр саптары эпикалык кулачты алыс-алыс таштап жиберген.

…Ачууланган большевиктик замбирек, Сүрдүү бетин жоого бурду күркүрөп.

Эки дүйнө чеңгелдешкен майданда

Чыдай албай жердин жүзү титиреп…

Бул кадимки кайраттуу Мукай, тап күрөшүнүн ыкыластуу ырчысы болгон толкундуу Мукай! Анын намысы – бүткүл элдик намыс. Ошол намысы акындын:

Эмгек этип ырысы мол жеринде, Жазыгы жок, жаткан тыптынч элиме. Өзү келип катылышкан жоо менен Чын оюнду салышалы, келгиле! Улуу марш, улуу сынга Сал баарын, эч аянба!

Эр жигит эми келди

Сыналчу зор майданга! – деп эл чети, жоо бетиндеги азаматтардын ураанын чакырганынан апачык көрүнүп турат.

Жер терметкен чоң окуя түпкүлүгүндө кебелбес күчү бар чоң акындын сөздөн жасаган кылычын кайрадан жаркылдатып майданга алып чыгат турбайбы!

* * *

Мукай армияга 1943-жылдын сентябрь айында менин үйүмдөн жөнөдү. Кийинки жылдары Мукай менен биздин арабыз өтө жакын болучу. Көп убакыттарда ал-жайыбызды өзгөчө түшүнүшүп сүйлөшөр элек.

Эртең менен (мен анда Жазуучулар союзунда иштөөчүмүн. Биздин үй шаардык пехота мектебинин имаратына өтө эле жакын) бала-бакыра менен чайга олтурган кезимде башында пилотка, үстүндө чакан боз шинель, куруна байланган флягасы жүрөт, колунда мылтыгы менен Мукай кирип келди. Мен жайланып олтурсун деген ниет менен Мукай олтурчу орунду даярдай баштадым. Анткени 1942-жылдын жайында армияга жөнөгөн Жусуп, ушул күндөрдө ушул жерде маршта жүргөн Мукай кезек-кезек ушинтип кире калышып, бир аз сүйлө шүп олтурушуп, өлчөмү, убактылары келгенде кетип калышар эле. Мен Мукайдын ошондой келишинин бирөө го десем, андай окшободу. Бир пиала чай ичкенд ен кийин мени  ойлуу бир тиктеп:

  • К-бек деп алды (мени К-бек деп коймой Мукайдын адаты эле).
  • Эмне дейсиз Еллебаевич? – дедим өз сөзүнө карата тамашалай. Мукай өзүн өзү тамашалап, атасынын атына эки «л» ди катар кошуп, Мукай Еллебаев деген биз болобуз,– деп койчу.

Мукай күңүрт жылмайды да:

  • Жеңең үйдө жок эле. Бир согум алып келип, эт салып берип турайын деп кечээ эле төркүндөрү жагына кеткен. Мындай болорун билгенде жибербей койбойт белем. Бизге буйрук келди. Биз азыр майданга жөнөп баратабыз. Жеңеңе сен аркалуу гана салам айтып калдым го. Калган ал-жайды өзүң билесиң. Коштошоюн деп келдим. Майданга,– деди мени карап. 1924-жылдын ноябрь айынын аягынан баштап, анын «Зарыгам» деген ырын окуганымдан тарта, аны менен тааныша электе эле ага деп эсептеп, педтехникумда беш жылы бир имаратта жашап, калган өмүрүндө бүт бойдон адабият майданында канатташ келе жаткан кыргыздын баш акын-жазуучусунун бири – бүгүнкү жоокер Элебай уулу Мукай.

Шашылып эшикке чыктык, Мукайды пехота мектебинин дарбазасына чейин энтеңдеп ээрчип келдим. Дарбазанын оозуна келгенде эсен-соолук айтышып, экөөбүз төшүбүздү тийгизише кучакташып, моюндан жытташып коштоштук…

Акын Мукай жоокерлик кадамын шилтеп майданга кетти… тагдыр ошондой экен, ал кайрылып келген жок.

Ал дүрмөттөлүү мылтыгы, эскирбеген боз шинели менен түбөлүк майданда калды.

Анын узак жол баса турган чыгармалары, анын жүрөгүнөн атылып чыккан улуу марш ырлары коммунизмге арыш таштап бара жаткан эли менен үн алышып, бүтүн да ой-пикир майданында турат.

Кубанычбек МАЛИКОВ

* * *

Мукай Элебаев 1902-жылы Ысык-Көлдүн Түп районунда Чоңташ кыштагында туулган. Кыргыз совет жазуучусу, акын, драматург, котормочу, кыргыз совет адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири. Кедей үй-бүлөдөн. Тогуз жашында жетим калып, 1916-жылкы көтөрүлүштө Кытайга барган. 1917-ж. кайра келип, 1921-жылга чейин ар кимге малай жүргөн. 1921-жылы Караколдогу жетим балдар үйүнө алынган. Кийин Түптөгү зооветтехникумда окуп, андан Фрунзедеги педтехникумга которулуп, аны 1930-жылы бүткөн. 1925-ж. 18-февралда «Эркинтоонун» 6-санына «Зарыгым» аттуу ыры басылган. Бул ырды ошол кездеги илим-билим эңсеген кыргыз жаштарынын ой-тилегин билдирген чыгарма катары элдин калың катмары жат билген. 1931-жылы акындын биринчи ырлар жыйнагы, 1933-ж. «Майдан» аттуу экинчи ырлар жыйнагы аркылуу Элебаев кыргыз поэзиясынын мазмунун гана эмес, формасын да байытууга аракеттенип, кыргыз ыр түзүлүшүн жаңылантууга өзүнүн татыктуу үлүшүн кошкон. 1938-ж. Элебаевдин ырларынын толук жыйнагы жарыяланып, анда ал акындык чеберчилиги өркүндөгөнүн айгинелей алган. 1941-ж. «Салам кат», 1943-ж. «Улуу марш» ыр жыйнактары жарык көргөн. «Улуу марш» Улуу Ата Мекендик согуштун сыноосунан эрдик менен өтүүгө чакырган курч граждандык мазмундагы чыгарма катары өз учурунда элге кеңири белгилүү болгон. Эле баев проза жанрында да жемиштүү эмгектенген. 1934–35-жж. жазган «Узак жол» романынын биринчи китеби кыргыз адабиятындагы реалисттик прозанын мыкты туунд уларынан. Бул чыгармада автор бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу 1916-жылкы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүн тарыхый жактан конкреттүү жана эл турмушунун абалын көркөм элестете алган. Элебаев «Узак жолдун» экинчи китебин жазууга аракеттенип, топтогон материалдарынын негизинде «Кыйын кезең» (1938-ж.) очеркин, «Зарлык», «Бороондуу күнү» (1939-ж.) аңгемелерин жазган. Бул чыгармаларында Кытайдан кайткан кыргыздардын Совет бийлигинин алгачкы мезгилдериндеги турмушу, күрөшү сүрөттөлгөнд үктөн, «Узак жолдун» логикалык уландысы экендиги ачык болуп турат. Улуу Ата Мекендик согуштун мез гилинде ал «Алыскы тоодон» (1942), «Соңку бир күн» (1942-ж.) аңгемелерин жазган. 1943-ж. согушка кетип, 1944-ж. Псковдун жанындагы кан майданда баатырларча курман болгон. Элебаевдин драмалык чыгармалары да бар. Педтехникумда окуп жүргөндө пьесалар жазып, аны өзү коюп жүргөндүгүн, ырларга обон чыгарып аткарып, элдин көңүлүн ачууга маш болгондугун замандаштары бир ооздон эскеришет. 1940-ж. «Ач көздөр» аттуу көп актылуу пьеса жазып, тап күрөшүнүн жүрүшүндөгү советтик адамдардын ак ниет, чынчыл, эрдик образдарын түзгөн. Элебаев сабаттуу адабият сынчысы катары да белгилүү. Анын көркөм котормо жана элдик адабий мурастарды жыйноо ишине кошкон салымы да бар. Чыгармалары орус тилине которулган.

(КСЭден)

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

Кыргыз совет маданиятынын, адабиятынын тарыхы, кыска жана татаал жолун астейдил ойлогондо: анын алгачкы баштоочуларына, алардын адил эмгегине ак дилиңден ыраазы болуп, арийне тан бересиң. Биздин маданиятыбыздын, ада биятыбыздын улуу мууну азыркы калемгерлердин билими, тажрыйбасы жагынан кезегинде кыйла өксү болушса да, алар замана шарапатында адабиятт ын туусун бийик, ыйык тутуп, кара жанын аянбай, ысыксуукка тобокел чыдап, чыйыр жолун чабышкан. Алар жаңы доорду жүрөгү менен жаземдебей туюп-баамдашкан, элибиздин жаңы акыл-эс, ой жүргүзүү мадания тынын кутун, адабий салтты түзгөн, ошону менен бирге чебер жазууга, устаттыгын дагы өстүрүүгө, асыл ойго, сулуулукка умтулушкан. Улуу муундун мындай өткүр өмүр жолун, убайымын кийинки айрым жаш муун өкүлү качан өткөн тарыхты окуганда,, ага биротоло ынанганда, аста-секин эл-журттун тагдырын, жаңы мазмундагы маданиятын ойлоп ыйбаа кылганда, адабият, өнөрдүн ыйык жолуна түшкөндө, коом менен мезгилдин талабына такшала баштаганда гана, кыйлада барып түшүнөт окшобойбу.

Ошол кыргыз адабиятынын алгачкы мууну, анын бекем пайдубалын соккондун бири, анын деңгээлин көтөргөндүн бири – элибиздин сүйүктүү, даркан жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков. Ал алтымыш жылга чукул өмүрүн ак кагазга үңүлүп, колунан калемин түшүрбөй мээнеттенип, кыргыз элинин маданий байлыгын түзүш үчүн, элдин аң-сезимин өстүрүш үчүн талыкпай эмгектенген.

Жазуучу Т. Сыдыкбековдун өмүрүн жана чыгармачылык таржымалын элибиз (жагоо тагынган жеткинчегинен тартып, илимпозуна чейинки окурманы) жакшы билишет, анткени жазуучунун өмүр баяны мектептерден баштап, жогорку окуу жайында атайын окулат. Азыркы күндө эл жазуучусунун чыгармалары жалаң эле кыргыз окурмандарына сүйгүнчүктүү болбостон, дүйнөлүк окурманга, а тургай дайыны чет жерге белгилүү экендиги жөнүндө калемдештери, сынчылар, изил дөө чүлөр, замандаштары далай ирет басма бетине баса белгилешти.

Жазуучу Т. Сыдыкбеков жөнүндө ар кандай маалыматка бай болсок да адабий изилдөөнүн салты боюнча адегенде жазууч унун өмүрүн окурмандын эсине кайрадан сала кетели.

Кыргыз Эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбеков чычкан жылы туулган. Ата конушу – Көл аймагы. Киндик каны тамган жери – Түптүн Кеңсуу айылы. Атасынан эрте айрылып, жетимдин көрбөгөн кордугу калган жок. Т. Сыдыкбеков өзүнүн шордуу балалыгы, көргөн азаптозогу жөнүндө чыгармаларында дурус чагылдырган.

Жыйырманчы кылымдын башындагы кыргыз элинин башына түшкөн оор кайгы, азап-тозокту, улуу Үркүн учурун Т. Сыдыкбеков сезип, көрүп калган. Наристе баланын жүрөгүнө өмүр бою так калганын мындайча эскерет: «Төрт жаштагы кезимде мени катуу уйкудан түнкү капсалаңдуу көч ойготту. Ошондон бери мына бир жыл өттү. Ушу бир жыл бою мен эч уктай элекмин. Аруу, тозуу, ый, муң, ачкачылык, коркунуч – баары көз алдымда. Ал тург ай ушул бир жыл ичинде мен далай жашты жашап койгон кичине кишимин».

Калайык-калктын Ата конушуна кайткандагысын жаш бала мындайча эскерет: «Он жыл өткөндөн кийин да, кырк жыл өткөндөн кийин да, азыр да көз жуумп туруп ошондогу биздин Кеңсуунун Ашуутөрүнүн жонунда турган кезибизди эстегенде: ошондогу Ата Журтка суктана карап турган биздин элес али күнгө чейин жол күзөтүп – селейген эне-бала, жаш-кары көз алдымда дапд аана».

Октябрь революциясынын илеби Ала-Тоого келип, кыргыз элинин жаштары жаңы заманды куруп, билимге, маданиятка умтулуп киришти. Жокчулукту, жаманчылыкты ымыркайынан көрүп, жүрөгү сестене түшкөн Түгөлбай Сыдыкбек уулу, суу чаңкаган талга окшоп, билим алууга өтө үзүлүп турган эле. Ал 1923–1924-окуу жылында Караколдогу (Пржевальск) А. П. Чех ов атындагы орус башталгыч мектебин 1927-жылы бүтүрдү.

Эзелтен эзилип келип, акыры социалисттик доордун үмүтүнө, жашоосуна кирген, жаңыдан турмушу оңоло баштаган кыргыз элинин жалпы коомдук турмушунда 20–30-жылдары өзгөрүүлөр, жаңылыктар тез-тез болуп, окуяларга бай, өтө татаал мезгил эле. Айрыкча, Көл аймагында, мурдатан шаар аталган Караколдо революциянын илеби тез таркады, жаңы муундун өкүлү менен эски таптын ортосунда аёосуз кармашуу күчөдү. Т.Сыдыкбеков ал кезде акыл-эси кирип калган, ата-журтубуздагы окуяларды териштирип, ылгап, далай өзгөрүшт өргө күбө болуп, көбүн эске тутту.

Т. Сыдыкбеков тунгуч ырын 1928-жылы жазган. Чыгармачылыктын эң алгачкы ишараты, толкуну жөнүндө жазуучу кийин минтип баамдады: «Эртесинде мен окуудан келээрим менен ачкыл жутуп алдым да, короодо гүлдөп турган өрүктүн түбүнө отуруп, мурдатан өзүм жакшы билген Капкакбай сараң жөнүндөгү жомокту ырга айлантып жаза баштадым. Эч изденбедим да, кыйналбадым. Баягы элпек, жети-сегиз муун эркин уйкаш менин «короомо» жамыраган козулардай чубуруп келе берди. Күнүгө жаздым. Бир сызыктуу дептердин эки бети толо жазылып, «Капкакбай» жомогун эки дептерге бастырдым».

Ал эми жаш акындын 1930-жылы биринчи ыры басмага жарыяланды. Ошондон баштап, Т. Сыдыкбеков Фрунзедеги айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө да ыр жазууга, көркөм адабиятка дит коюп калды. Анын ырлары ошол кездеги «Чаб уул» журналына, газета беттерине жарыяланды. 1933-жылы Т.Сыдыкбековдун тунгуч ырлар жыйнагы («Күрөш») жарык көргөн, 1936-жылы экинчи жыйнагы («Баатырлар») чыккан.

Алгачкы эле жазган ырларында жаш акын жеке кайгы-кубанычынан мурда мүлдө элдин тагдыры, тарыхы жөнүндө жазганга умтулган, ошонусун ыйык парзым деп түшүнгөн. Жазуучу ак дилинен тапкан мындай асыл жышаананы, айныбас ынанымды эмгиче, өмүр бою куттай сактап келатат. Ал эң кенже бөбөктөргө арналган ыр же аңгемесинен баштап, романга чейин жалпы элдин тагдырын, тарыхын, салтын көрсөттү. Адабиятка кадам таштаган алгачкы жылдары эле тажрыйбасы болбосо да, элдин өткөндөгү кайгылуу оор тагдыры, ар түркүн мүнөздөр, залкар ойлор аны кызыктыра баштаган. Адабиятка биротоло кумарланган жаш жазуучу эң оболу элдин эзелтен берки тарыхын, эзилген элдин муң-зарын, Октябрь революциясынын азаттыгын, эски менен жаңынын кармашын, социалдык карама-каршылыктарын, Совет бийлигин, жаңы чарбалардын уюшмасын, кедейлердин билимге, маданиятка умтулуусун кенен-кесири түрдө жазгысы келди. Доордун албан окуялары ырга сыйбасын билген соң, аны кара сөз менен жазууну самады, ал эми максатты ишке ашырууда билим, тажрыйба, эмгек керектигин идиреги бар жаш жазуучу эрте түшүндү. Кыргыз адабиятынын тарыхына назар салсак, береги чындык белем, отузунчу жылдары кара сөз беделинин анчейин өнүгө элек, анын салты, мектеби түзүлө элек, али мажес кези, жаңыдан калыптануу мезгили болгонун байкайбыз. Ошонусуна карабай, жазмасы, басмасы бар эрте өнүккөн татар, казак, өзбек китептери мурдараак колго тийгендиктен окуп кал ган кыргыздын айрым жаш жазуучулары чеберчилиги такшалбаса да, бирин-эки аңгеме, повесть жазып калышкан. Турмушту кең-кесири камтып, көркөм чыгарма жазууну көксөгөн жаш талантка мындай тажрыйба тарбия-таалим берүүгө чабалдык кылар эле. Андыктан жаштар мурдатан өнүккөн тарыхый, маданий салты бар орус классикалык адабиятынын бай казынасына кайрылышты.

Арийне, роман жазуу оңой-олтоң эместиги маалым. Дүйнөлүк адабияттын тажрыйбасында роман жазгандар өзүнүн эмгегинен, чеберчилигинен башка көптөгөн илимий, тарыхый, көркөм чыгармаларды окуп, аябай даярданышкан, нечен күндөр, жылдар кам көрүшкөн. Андыктан «Кеңсуу» романын жазууда Т. Сыдыкбеков бери эле болгондо тарыхты, айыл турмушун, этнография, экономика, социализмдин жоболорун, укукту, тилди, окуя ларды жердин шартын, адамдардын мүнөздөрүн, кесиптерин, иштерин ж. б. толгон-токой көп тармакты билиш керек болчу. Жаңыдан жыйырма бир жашка чыккан жаш адам романды кантип ишке ашыра алды экен деп ойлоп кетесиң. Ырас, бул жерде жазуучунун чыгармачылыгынын психологиясын терип-тескегибиз жок. Биз Т.Сыдыкбековдун дээринде жазуучулук кудуретинин, табигый ой-кыялынын күчтүүлүгүн жана эмгекчилдигин, колундагы тапкан асыл кутун кандай жеңил ишке ашыра алгандыгын айткыбыз келди.

Т.Сыдыкбеков кара сөз менен чыгарма жазуудан мурда жалпы билимин, эстетикалык табитин, адабий чеберчилигин арттыруунун камын көрдү, орустун классикалык адабиятынан таалим алды. Алгачкы адабий тажрыйбасы жөнүндө кийин муну сөз кылды: «Ал кезде (айыл чарба техникумда окуганда) мен Тургеневди, Толстойду, Горькийди окуп калгамын. Мен окуган романдар эч кандай мага терс пейил берген жок. Тескерисинче, мен ал романдар аркылуу орус журтчулугунун өткөндөгү тирлигинен, орус кишилеринин мүнөзүнөн туюнушумча маа лымат алдым. Өзбек жазуучусу Абдулла Кадыринин «Өткөн күндөр», «Михробдан чаян» деген романдарын абдан эле туюнуп окудум. Анын тили таза кыргыз сөз дө рүндөй мага түшүнүктүү болду. Мени таң калтырды».

Т. Сыдыкбеков өзү туш болгон кыйын илдетке моюн бербей, чыгармачылыктын оор жүгүн көтөрдү. Адабиятка биротоло дит койгон жаш жазуучу элчилеп мемуар, тар ыхты жылдап окубай же бирөөнү туурабай, же тажрыйбасыздыгына, жаштыгына карабай, жаңыдан тамганы тааный баштаган окурмандарына бейтааныш роман жанр ы менен өтө дилгирленип чыгарма жаз ууга киришти. Ырас, улуу муундун мындай эрдигин аны адабият, искусствону билген, кадырлаган, рухий дүйнөсү жөнүндө ойлонгон адам гана билип, баамдай алмакчы. Алгачкы романды кантип жазгандыгын жазуучунун эскерүүсүнөн окуп көрөлүчү: «Ошо 1933-жылы, июнда Койсарыга адеп келгенде эки далым аркама куушурулуп арык, алсыз элем… Арадан ай өткөндө деним кеңейгенсиди… Көңүл үм ачылып, боюма кубат кире баштаганда, кудайдан ден соолук тилеп, көптөн бери ойдо жүргөн романды баштадым. Ар бири жыйырма төрт бет, барактары калың, тез жазганыңда каламга саманы илине калган саргылт кагаздуу он чакты дептерди жазамын деген үмүт менен ала келгемин.

Июлдун мемиреген сонун күнүндө терезени ачып коюп, ошол кагазы саргылт дептердин сырткы бетине «Кең-Суу» деп жаздым. Анан баягы тестиер чактан көз көргөн көчмөн өмүрлөр көз алдыга тартылып келип:

«Бирин-эки мал күткөн чарбалардын көчүү-конуусу аяктаган» элес менен романды баштадым.

Ошол күндөн кадимки бизге тааныш каармандар менин айланамда сырдашкан, пикирдешкен эң жакын кишилерден болушту. Кай кезде эки далымдын ортосу уюп саал күймөлө калганымда: Соке кобурап, Ыманбай жакжайып, Өскөнбай долдурап көңүлүмдү ачып жиберишет. Уюган оору жоюла түшөт.

Көңүл сергек тартат. Чарчоо сезилбей жаза бермей. Көлдүн «шырп-шырп» толкуну, мойногон серүүн аба, көкөмерендин дармек жыты, анан айланамда билинбей, көрүнбөй тымызын жүрүшкөн каармандар мага дем».

«Кең-Суу» романынын биринчи китеби 1937-жылы, экинчиси 1938-жылы басмадан жарык көргөн.

«Кең-Суу» чыгармасы кыргыз адабиятынын тарыхында роман жанрынын алгачкы карлыгачы гана болбостон, биринчи реалисттик көркөм чыгарма катары кезегинде өзүнүн жогорку баасын алды.

Романда жыйырманчы-отузунчу жылдарда кыргыз айы лында Совет бийлигинин орнотулушун, социалдык турмуштун өзгөрүшүн, жаңы коомдун тоо койнунда кулач жайышын, таптык күрөштүн курчушун, майда чарбанын уюшулушун, кедей-кембагалдардын кыял-жоругун көркөм сөз менен чебер, курч сүрөттөгөн. Отузунчу жылдары Т. Сыдыкбеков мурдагы көчмөн элдин турмушундагы өзгөрүүлөрдү өзү көргөн. Ал «Ленинчил жаш» газетасынын кызматкери болуп иштеп, Ата Журттун аймагын кыдырып эл аралады, кишилердин тагдырын угуп-билди, мүнөздөрүн байкады, жаңы турмуш үгүтүн жүргүзүп, коомдук шарданга катышкан.

Романды окуганда отузунчу жылдардын кеңири турмушу, ошол учур, элдин тарыхы нака чындык көзгө элес тейт. Айылдарда тап күрөшү курчуган кыйын учур. Мур дагы кембаг алдын кыял-жоругу, жүрүш-турушу өзгөргөн. Эски менен жаңынын ачык кармашы келди. Эски турмуштун шаштысы кетип, үзүлүп бараткан тап иши оңолгон заманга тоскоол болду, жанталашып кармашты. Жаңы турмуш оңой эле орной койбоду.

«Кең-Суу» романында Т. Сыдыкбеков чебер жазуучуга таандык болгон сапатты көрсөтүп, карапайым адамдардын эң сонун бейнелерин (образдарын) түздү. Алар чыгармада бир бири менен ширелип, логикалык жактан бирин бири жерибей, танбай, жалпы көпчүлүк менен шайкеш келип турушат. Романдын бейнелери, сонун үлгүлөрү коомдук турмуш менен бирге алынган. Алар аркылуу коомго, элге, турмушка ой жүргүзөт. Мындай адабий табылга отузунчу жылдар үчүн жазуучунун өтө жетишкендиги, аныктап айтканда, адабиятта көркөм-эстетикалык ачылыш болду. Романдагы Сапарбайдын, Самтырдын, Соке чалдын, Ыманбайдын ак ниет элесин жана Саадат, Калпакбаев сыяктуу митаам адамдардын бейнелерин кең-кесири сүрөттөп, ажарын ачып берген.

Биринчи эле роман жазгандыгына карабай адабий чөйрөгө Т.Сыдыкбеков окуяга, бейнеге, тилге бай экендигин, табиятты сүрөттөй алгандыгын, терип айтканда, баяндоо, сүйлөшүүнү, макал-ылакаптарды билгендигин, сүрөткерлигин көрсөттү.

Роман жазуу боюнча алгачкы тажрыйбасы болуп калган соң Т.Сыдыкбеков отузунчу жылдын аягында «Темир» романын жазууга киришет.

«Темир» романы социалисттик турмушка небак көчкөн тоолук айылдыктардын турмушу. Иши алдыга жылган айылда эскинин калдыктары, митаам тап душмандары кой терисин жамынып жүрүшөт. Кээ бирөө ичтен тынып айылда жүрсө, кайсы бирөөлөр ачыкка чыгып, тоо жамынып басмачылык кылышат. Алар жаңы заман куруп жаткан алдыңкы адамдарды, заманды көрө алышпайт, бардык кара ниет айла-амалды ойлоп табышып бузукулук кылышат, жаңы доорго оогон күнөөсүз адамдарга кордук көрсөтүшөт, элдин мал-мүлкүн талашат. Чыгармадагы негизги каарман Темир, анын таптык көз карашы айкын, душманын айрып таанып калган, жаңы заман үчүн жандили менен берилген кыраакы күрөшүүчү. Ал айылдагы адамдардын үгүтчүсү, насаатчысы, кембагал азаматтарды топтоп, басмачылар менен күрөшөт, алардын уюгун талкалайт. Бөрүбай, Конгараев сыяктуу эл душмандарынын бетин ачат.

Роман социалисттик доордогу тоолуктардын жаңы чарба уюштуруудагы, мындайча айтканда, алардын коомдун жашоосунда экинчи бир баскычы болгон турмушун айкын-ачык, ынанымдуу көрсөткөндүгү менен баалуу.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Т. Сыдыкбеков мурдатан көздөп жүргөн чыгармачылык ойлорун таштап, Мекенди коргоого ак дилден катышты. Ал колуна калемин кармап, элди-жерди сүйгөн ырларды, очерктерди, аңгемелерди, пьесаларды жазды. Жазуучу согуш учурундагы айыл адамдарынын эрдиги тууралуу көлөмдүү чыгарма жазууну көздөгөн.

Натыйжада «Биздин замандын кишилери» романы 1948-жылы басмадан китеп болуп чыккан.

Кыргыз жергесин кыдырганда согуштун каарын тартып калган улгайган адамдардын оозунан: «Сыдыкбеков биздин айылдагы окуяны кайдан билип алган? Нака биздин айылдыктарды жазыптыр» – деп Чүйдөн да, Көлдөн да, Улуу Тоодон да угуп жүрдүк. Мындай суроону окурмандар далай жолу романы жарык көргөндө жазуучуга да беришкен экен. Мунун баары бекер жерден чыккан эместир. Биздин оюбузча, таланттуу жазуучу дитинде баамчыл, көрөгөч, кыялкеч гана болбостон, ал өз элинин турмушун жана адамдардын мүнөзүн, дүнүйөсүн алдынала көрө, баамдай билгендигинде, андан көркөм бейнелерди жасай алгандыгында деп ойлойбуз.

Романдын окуясын чубап айтпай эле коёлу. Сюжети өтө деле татаал, баш катырма эмес. Бир айылда жашаган адамдардын төрт жыл ичинде өйдө-ылдый турмушу, алардын өмүрү, мүнөзү көз алдыга дапдаана келет.

Роман Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы айылдык адамдардын кажыбас кайратын, эли-жерин сүйгөндүгүн, биримдик, достугун, душманга болгон жек көрүүсүн айткан. Айылдагы карыялар айтып калышат: «Демейде жамандыкта, башка оор күн түшкөндө эл бириге түшөт». Мунун чындыгын романдан билебиз. Романда ар түрдүү мүнөздөгү, ар кыл жаштагы, ар кайсы кесиптеги, тагдыры окшобогон адамдар учурайт. Каарман өтө көп, а бирок ар биринин өз орду, тагдыры, жүзү бар. Аларды баяндоонун чебери жайбаракат бал тил менен бирдей ыргакта, кишини ынандырып айтып берет. Деле Т. Сыдыкбековдун чыгармасындагы эң негизги өзгөчөлүк: жалпы элдин катышы, турмуштун кеңири, бай, табигый чындыгынын сүрөттөлүшү болсо керек.

Чет элдик окурман, адис сынчылар, адабиятчылар «Биздин замандын кишилери» романынын жарык көрүшүн кыргыз адабиятынын ийгилиги катары баалашты. Роман бардык республикаларда жана дүйнө элдеринин тилдерине түгөл которулду. Партиябыз менен өкмөтүбүз бул чыгармасы үчүн Т.Сыдыкбековго СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын ыйгарды.

Т. Сыдыкбеков «Тоо балдары» романын 1950-жылы жаза баштаган. Романда согуш бүткөндөн кийинки кыргыз айылындагы турмуш, жаштарды тарбиялоо, бала менен эне-атанын, үй-бүлө менен мугалимдин ортосундагы байланыш кеңири түрдө сүрөттөлгөн.

Романда Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн ки йинки тоолук айыл турмушу, элдин оор түйшүгү, жеңиштен кийинки элдин жашоосу сүрөттөлгөн. Чыгармадагы негизги адил, ак тема: жаш өспүрүмдөрдү жаңыча тарбиялоо, алардын рухий дүйнөсүнө кам көрүү.

Т. Сыдыкбеков Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, кийинки жылдары да жаш өспүрүмдөргө арнап, бир нече татынакай ырларды, кызыктуу аңгемелерди жазды.

Орус элинин улуу жазуучулары: А.Пушкин, М.Лермонтов, Л.Толстой, С.Тургенев, М.Достоевский, В.Гоголь, Горький ж. б. дүйнөлүк жазуучулар Гете, Метерлинк, Бальзак, Диккенс, Л. Доде ж. б. өздөрүнүн бала чагын жазышканы белгилүү. Эмнеге алар баланын сырдуу дүйнөсүнө кайрылышат? Буга кебибиздин соболосун көтөрмөккө даанышмандардын, жазуучулардын аныктамаларынан келтирсек болор эле. А бирок жазуучу агабыз Т. Сыдыкбе ков а суроого мурункулардан кем калышпай, таамай айткан сыяктуу: «Баланын дүнүйөсү мөлтүрлүккө бай. Ал эртеңкиге кызыгуу, эркинче эргүү, умтулуусу жебедей зымырап турат. Чоңдор көбүнчө күнүмдүк тиричилик менен алек. Өз жаратылышында ошо балалык мөлтүрлүктү сактай алган киши оорго-жеңилге бирдей тике караган – оптимист. Баладагы асыл мөлтүрлүк кишиге тазалыкты, асылдыкты, эркти, демилгени күчөтүп, шыкты өнүктүрүп турат. Өз дүйнөс үнөн ошо балалык мөлтүрлүгү шыпкалган киши жүдөө тартип асан кайгы, болор-болбоско күйүкчөөл, кейикчээл. Тек күнүмдүктүн кулу. Алдыңкы өз өмүрүнө от ичкерилештире албас алсыз. Демек, балалык мөлтүрлүгү өчкөндө киши турмушка болгон кызыкчылыгын кемитерин, кайдыгерликке, жүрнарылыкка берилерин байкадык. Бул – менин баамым. Ар бир кишинин өз баамы бул касиетти ошо өзү кабыл алуусу менен ченейт».

Т. Сыдыкбековдо жазуучунун байлыгы, ырыскысы болгон тунук эси, сөзгө куйма кулактыгы барын жолукканда билесиң. Ал мындан бир канча жыл мурунку окуя ларды, жолугушууну, кайсы күнү болгонун, кандай кийим кийгенине дейре, эмне деп сүйлөшкөнүн сизге жаңылбай айтып бере алат. Анын көркөм чыгарма жазууда күндөлүккө кайрылбаганы ошондуктанбы деп калдым.

Т. Сыдыкбеков жеринен чыгармачылыкты ыйык көрүп, өзүнө да талапты катуу коё билген, эрки күчтүү адам. Ал Дантенин «Куш мамыкта чалкалап жатып, эч качан өзүңө даңкты таба албайсың» деген сөзүн жакшы билет. Жаш курагында тажрыйбасы жогунда жазылган чыгармаларын купулга толбогонун өзү мурда сезип, жазгандарын кайта башынан иргеп, оңдоп, толуктап, редакциялап турганды жакшы көргөн жазуучу. Бул такшалгандыкты, тажрыйбасы жетилгендикти жазуучу улам чыгармадан-чыгармага, маданияты, билими, рухий дүйнөсү өскөндүгүн билдирип турат. Мурунку чыгармаларын оңдоо, жаңыдан жазууну дүйнөлүк адабияттын чеберлери жакшы көрүшкөнүн айта кетели. Муну айтканыбыздын себеби Т.Сыдыкбеков дүйнөлүк адабияттын мисалына өзү көп кайрылат. Орус адабиятынын классиги Л. Толстойду алалы. Орус адабиятын изилдегендердин болжолунда Лев Николаевич кээ бир чыгармаларынын бөлүктөрүн он сапарга чейин кайтадан иштеген. Ал эми «Согуш жана тынчтыкты» жети жолу көчүргөн. «Өмүр жөнүндө» деген чыгармасынын акыркы бөлүгүн отуз жолу оңдогонун айтышат. Дүйнөлүк адабияттын тажрыйбасын карасак, Г. Флобер «Мадам Боварини» он жолу көчүрүп чыккан, Руссо чыгармаларын төрт-беш сапардан көчүргөн. Бальзак, М. Пруст, А. Дюма – баласы ж. б. жазуучулар чыгармаларын кайрадан иштеп, мээнеттенген экен.

Т. Сыдыкбеков элүүнчү жылдары элибиздин социалдык турмушундагы маанилүү учурду камтыган, темасы, идеясы өзгөчө бааланган чыгармасы «Кең-Суу» романын толуктап, көркөмдөп кеңири иштеп чыкты. Романга жазуучу «Тоо арасында» деген жаңыча ат берди. Чыгармада негизги сюжеттик багыт кескин өзгөрбөгөнү менен андагы орунсуз, солгун окуялар толукталды, бейнелердин ажары кеңири ачылып, социалдык, психологиялык орду кынапталып, идеялык-көркөмдүк мазмуну тереңдеди. Аны кандайча иштегендигин жазуучунун өзүнөн угалы: «Мен бир чети алардын ыгынан чыкпадым. Анан байкатпай өздөрүн жөнгө салдым. Маселен, Соке, Самтыр, Сапарбай, Өскөнбай, Шоорук, Бердибай, Ыманбай, Бүбүш, Калпакбайүптөрдүн элестери мени шыктандырган сайын мен алардын ошо ар биринин өз-өзүнө таандык мүнөздөрүн даанараак ачтым. Күчөттүм. Аны менен алар жеке өздөрүнүн гана эмес, деле өздө рүндөй жашап өткөн тирүү кишилердин мүнөзүн, жоругун, кыялын өздөрү өнүктүрүштү. Тирүү кишилердин кебете-кешпирин, кыймыл-аракетин, өтөгөн иштерин элестетти. Ал тургай кай бирлери өз-өз аттары менен калды. Арийне алар адабият каарманы катары жалпыланды, курчуду, мүнөздөлдү».

Кыргыз адабиятынын тарыхында «Тоо арасында» рома ны жаңы турмуш, маданият шарданына кошулган элибиздин тагдырындагы орчундуу учурун, алардын таптык күрөшүн, социалдык-психологиялык, рухий жактан өзгөрүшүндөгү урунттуу кезди кеңири көркөм элестер менен чагылдырган реалисттик чыгарма болуп калды.

Т. Сыдыкбеков өтө байкагыч, турмушту көп изилдеген жазуучу. Ал романдын каармандарын турмуштан алган. Жазуучу каармандарын ошо бойдон кагазга түз эле көчүрө койгон жок, башка мүнөз, кыялдарды, тагдырды кошту, жалпы типти түздү. Көркөм чеберчиликтин үлгүсүн, жаңы бийиктигин көрсөттү. Майда окуяларды, бейнелерди жалпылап жогорку чындыкты жаратты. Ал жаңы адамдардын жашоо-тиричилигин, кулк-мүнөзүн, ой-санааларын, алардын логикалык өсүшүн даа на билгендигин көрсөтө алды. Элибиздеги жакшы менен катар айрым кемчиликтерин ачып берди. Психологиясын изилдеп көрсөк, «усул (стиль) – адамдын өзү» деген сөздү териштиргенде, Т. Сыдыкбековдун чыгармачылыгынан тереңдеги боорукерликти, акылмандыкты туябыз, элдик салт, кааданы, маданиятты байкайбыз, ой жүргүзүү маданиятына умтулууну билебиз.

Алтымышынчы жылдары Т. Сыдыкбеков «Зайыптар» деген үчилтик романды жазды. Аялзатын жазуучу дайы ма ыйык, асыл көргөнүн ырларынан, кара сөзүнөн, маегинен окуп жүрөбүз. «Зайыптар» романында оор турмуштун запкысын жеген кыргыз аялдарынын тагдыры, өткөндүн салт-адаты айтылат. Качан гана жаңы заман келгенде гана аялдар азаттыкка чыгып, теңдикке жетип, коомдун активдүү куруучулары, эмгектин, илимдин, маданияттын алдыңкылары болушту. Аялдардын муңайым, назик, кайраттуу бейнелерин биз романдан жолуктурабыз.

Т. Сыдыкбековдун чыгармачылык жолун кыргыз элинин тарыхынан, коомдон бөлүп кароого болбойт. Карап көрсөңүз жазуучунун чыгармалары элдин тарыхын, ошол доордун бардык маанилүү өмүрүн камтыган. Айталы, совет өлкөсүнө чейинки кыргыз элинин оор турмушун («Кең-Суу», «Зайыптар»), андан кийинки жаңы чарбаны уюштуруу («Темир»), Ата Мекендик согуш учурун («Биздин замандын кишилери») жана кийинки күндүн адамдарынын тагдырын («Ыманбай пейили», «Сыр ачуу», «Курбулар») жазуу чунун чыгармаларынан окуп, билет эмеспизби. Жазуучу Т. Сыдыкбеков татаал чыгарма чы лык жолду басты. Ал эч качан өзүнүн эстетикалык-көркөм деңгээлин төмөндөтпөдү. Жазуучу жеринен өзүн тарбиялап, билим-маданиятын өстүрдү, дүйнөлүк ада бият, өнөрдүн үлгүлөрү менен таанышты, ырдан дастанга, чакан сүрөттө мөдөн баштап, элд ин кулк-мүнөзүн, рухий дүйнөсүн көрсөткөн социалдык романдар, тарыхый, философиялык, лирикалуу, көркөмдүгү жогору чыгармаларды жаратты.

Адабияттын бардык жанрында иштеди. Ал 30-жылдары Пушкиндин, Некрасовдун, А. Церетелинин, Д. Бедныйдын ырларын которгон. Жазуу чу аңгеме, очерктин жана публицистиканын чебери болду. Анын пьесалары кыргыз сахналарында коюлду. Т. Сыдык беков чыгармачылыгын ырдан баштаса өмүр бою ыйык өнөргө – поэзияга кумарлыгы жанбады, азыркы күнгө чейин ырларды, поэмаларды жазып келатат.

Байыртадан жазуучунун бактысы, калк алдындагы ажары эмгеги менен бааланат эмеспи. Кыргыз жазуучуларынын ичинен Т.Сыдыкбеков карандай эмгекчил, өмүрүнүн көбүн жазуу үстөлүндө өткөрдү. Жазуучу менен маектешкенде: «Элүүнчү жылдары гана айрым күндөрүмдү бекерчиликке, той-тамашага алдатып жибердим, анын ордуна үч китеп жазып алсам болмок» – деп кейигенсип айтканы эске түшөт. Аны кыргыз сынчылары, замандаштары «Кыргыз адабиятынын залкар жазуучусу», «Кыргыз адабиятынын дыйканы», «Романдын устаты», «Романчылардын дарканы», «Устат», «Элдик жазуучу» деп баалашканы бекер жеринен чыкпагандыр. Жазуучунун сандыгында бардык жазганын эстегенде ушу тапта төрт жүз сексен басма табак чыгармасы даяр турат. Билесизби, бул канча болот? Жазуучунун акыркы «Кайнар булак» деген китебиндей он сегиз китепке тете. Караңызчы, Т.Сыдыкбеков кийинки он жыл ичинде эки жүз басма табакка чукул чыгарма жазды.

Жазуучунун ушунча адал эмгегин көрүп туруп, залкар жазуучунун замандашы, окурманы болуп калганыңа сыймыктанасың. Кээде жазуучунун эмгегин эстеп, өзүңдүн чабалдыгыңа, жалкоолугуңа арданасың. Көрсө: «Эмгек – өмүргө эм», «Адал тер сөөгүңдөгү дартты кетирет», «Ушакчыны көрсөм сөккүм келет, эмгекчини көрсөм өпкүм келет», «Он жылдан кийин мөмө жегиң келсе, көчөтүңдү бүгүн сай» – деп бекеринен жазбаптыр.

Байыркы гректерден бери талашып келаткан бир суроо бар: зили жазуучунун акыбети кайтабы? Акча мененби? Жок. Даңк алуу мененби? Жок. Анын эмгеги акча, дүйнө, даңк менен эсептелбейт. Эненин акыбетин бала эч качан кайтара албагандай кеп го. Жазуучунун күн-түн, айлап, жылдап иштеген эмгегин, зарп кылган кайгыруусун, кыйноосун, сүйүүсүн, ой-сезимин, ыракатын, маңдай терин, көз жашын эмне менен өлчөп баалай аласыз? Оңдой берип, береги суроого жазуучу Т. Сыдыкбеков так жооп берген экен: «…чыгармачылык берген жыргал дүйнөдөгү эң сонуну, асылы, бийлиги, кызыктуусу дээр элем. Ошондуктан чыгармачылыктын сага берген жыргалын башка эч нерсе бере албайт. Байлык да, мансап да, шарап да. Деги бардык жыргалдуу укмуштарың биригип келгенде да, менин ушул кезде чыгармачылыктан алган кубанычымды, көңүлүмдүн өсүшүн, дүйнөмдүн кеңейишин коюңуздар. Ушу чыгармачылык мага бергендей турмуш жыргалын бере албас деп ойлойм».

Кийинки жылдары дүнүйөлүк жана орус адабиятындагы атактуу жазуучулардын толук жыйнактары чыгып, акыркы китептерине очерк, публицистика, күндөлүк, каттары, эскерүү, эсселерин топтоо адет болуп калды. Негедир ушул китептерге дитим түшөт. Бир чети, окурмандын көбү элес албаган андай китептерди дүкөндөрдөн оңой таап аласың. Ушул жыйнактарды «китеп дүйнөс үндө катылган жазуучунун жан дүйнөсүнөн кабар» дээр элем. Анткени анда жазуу чунун ичиндеги ымандай сыры, кайгы-кубанычы, рухий дүйнөсүнүн кардио граммасы бар. Ырас, жазуучунун ички дүйнөсүнүн көбү көркөм чыгармаларына «чачылып» кеткен күндө да, анын уюткусу, куту жаңкы китебинде кала берет. Мен Т. Сыдыкбеков дун «Мезгил сабактарын» ушу китептерге кошор элем.

Чыгармачылыктын өнөрканасынын, тажрыйбасынын купуя сырын жазуучу бул жыйнагында кемелине келтирип, кеңири айтат. Т. Сыдыкбековдун макалалар жыйнагынын жарык көрүшү – кыргыз адабиятындагы ири жаңылыктын бири. Ал китепти окусак жазуучунун ойчулдугун, акылмандыгын, билимин, жөнөкөйлүгүн, тереңдигин дагы биле алабыз. Бул жыйнакка Т. Сыдыкбековдун элдик оозеки чыгармачылык, «Манас» жөнүндөгү байкоолору, адабият-искусство жөнүндөгү баамы, жазуучулук өнөрдүн табити, чеберчилик, элдин байыртан келаткан тарыхы, маданияты, мурасы жөнүндөгү баяндоолору, толгон нускоолору жыйналган. Жазуучу кыргыздын улуу акыны Т. Сатылганов жана өзүнүн калемдештери М.Элебаев, Ж. Бөкөнбаев, А. Осмонов, У. Абдукаимов, М.Ауэзов, С. Муканов жана кыргыз маданиятына, илимине зор салым кошкон замандаштары Б. Юнусалиев, И.Ахунбаев, М. Адышев ж. б. жөнүндөгү жылуу эскерүүлөрдү, сүрөттөмөлөрдү, эсселерди чогулткан.

Кийинки учурда Т. Сыдыкбековдун «Жол» деген таржымал чыгармасы жарык көрдү. Окурман кимдин да болсо көркөм эскерүүсүн, документ чыгармаларын окуганда, эң оболу «жазуучу чындыкты жазды бекен, аны кандайча айта алды экен?» деген собол коёт эмеспи. Роман жөнүндө ар түрдүү ойлор да туулду. Аны турмуш өзү сындан өткөзөөр…

…Отуз жылдан ашуун Т. Сыдыкбеков Фрунзе шаарындагы Биринчи Май көчөсүндөгү бейкут бурчта, эки кабат өзү салдырган тамда жашап, нечен жылдар ыраа кы жакка чыкпай иштеп келди. Үйдүн экинчи кабатында жазуучунун иш бөлмөсү бар. Бөлмөдөгү катарлаша кыналган текчелер дүйнөлүк орус жазуучуларынын китептерине жык толгон, айрыкча Чыгыш, Орто Азия жана кыргыз элинин тарыхына, маданиятына байланыштуу көркөм да, илимий да чанда бир жолукчу китептерди таба аласың. Китеп текчелеринде Чыгыш өлкөлөрүнөн келген майда инам, базарлыктар коюлган. Ушул береги кенен бөлмөнүн ачык терезелеринен бактардын баштары, Улуу тоо алыстан көрүнүп, жакын жердеги бак арасынан наристе бөбөктөрдүн күлкүсү, үндөрү угулуп турат.

Жазуучу далай жылдар бою ар күнү таң заарынан булбул сайраганда туруп, машинкасын чыкылдатып басып иштеп келди. Бир аз жыл мурда жазуучунун бөлмөсүндө эки машинка катар турду. «Эски машинкасына тарыхый роман, жаңысына азыркы турмуштун чыгармасын жазып атам» – деп чебердин тамаша кылып жылмайганы эсимде.

Бөлмөнүн ичиндеги эки чоң жумшак эмеректин бетин бербей кагаздар, ачылган китептер жайылып жатчу.

Жазуучу иш бөлмөсүндө көп эле жымылдаган тартип болгонун жактырбаса керек.

Бул үйгө дайыма ак дил менен келген кишиге эшик ачык болду. Жазуучуга устат катары жаштар өксүбөй келип турду. Т. Сыдыкбеков менен жүздөшүү, маектешүү, чыгармачылык окуу – жаштарга дайыма майрам эле. Анын кыргыз адабиятында өзүнчө мектеби бар. Т.Сыдыкбеков көптөгөн жаштарга илкипат кылып кол жазмаларын окуду, далайына ак жол каалап, басмаларга сунуш кылды. Ачык айтып, ак сүйлөп, кемчиликтерин жаш калемгердин бетине айтты. «Мезгил сабактары» деген китебинде жазуучу булар жөнүндө кең-кесири баяндайт. Демейде жаштар да чыгармасы сайын өсүп турган, тажрыйбалуу чеберге, кеңеш алганга имерчиктейт эмеспи. Илгертен келаткан ата-баба салтын сактап Т. Сыдык беков деле жаштардан сыпайы нускоо сөзүн аянбады. Ал газетажурналда, радиодо, жолугушууда, жыйында адеп-аклак, патриоттук сезим, адамгерчилик, сөз зыйнаты, өзүңдүн кызыкчылыгыңан элдикин бийик коюу, табиятты сыйлоо, дүнүйөнү көрө билүү, руханий дүнүйөнү тазартуу, дүйнөлүк адабият, искусствонун тажрыйбасы жөнүндө далай ирет сөөмөт айтып келди. Аны нускоочу деп айтсак ыраса жарашар эле.

Кийинки муун өткөн мезгилди, заманды, тарыхты, адамдарды Т. Сыдыкбеков сыяктуу алдыңкы муундагы жазуучулардын чыгармаларынан окуп-билишти, көркөмэстетикалык асеминен таалим алышты. Акыл-насаатын угуп, чыгармачылыгын үйрөнүп-өсүштү. Агалардын эки ооз жылуу сөздөрү алардын чыгармачылыгына, жашоосуна демөөр берди. Улуу муундун бардыгынан: ийгилигинен да, мүчүлүшүнөн да сабак алышты. Ал эми даркан жазуучу Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыктагы эрдиги, көркөм чеберчилиги кийинки муунга суктанарлык үлгү экени талашсыз.

Т. Сыдыкбеков адабият майданында жеринен жөнөкөй жана татаал чыгармачылык жолду тандап алып, элдик духтун зыйнатында, нугунда жүрүп, ошол элдин ой жүргүзүүсүн, жосунун, тиричилигин көрсөтүүдө аша чаппай, нака чындыкты чагылдырып, нукура элдик тил менен тамаша-азил аралаштырып, кейипкерлердин күлкмүнөзүн кашкайта ачып алган, бир калыпта аккан соолбос булакка окшоп, кесипти тунук сактап келаткан сырдана сөз чебери.

Жазуучунун өмүрүндө бош убактысы аз, тартыш болгонуна карабай Т. Сыдыкбеков пендечилик түйшүгүнөн башка да коомдук иштерге астейдил катышкан. Тынчтыкты коргоонун советтик комитетинин мүчөсү, Лениндик сыйлыктар комитетинин мүчөсү, СССР Жогорку Советине жана Кыргыз ССР Жогорку Советине бир канча жолу депутат болгон киши.

Т. Сыдыкбеков кыргыз совет адабиятынын өсүшүнө ири салым кошкон, элибиздин бай мурасына жаңы доордо түр, көрк берип, улгайган сайын чынар теректей тамырын жайып чыйралган адам. Бир кезде жазуучу жаштарга багышталган нускоосунда: «Киши жаман карышка эч акысы жок» –  деп айткан эле. Бул адеми сөз байыркы ата-бабадан калган каада, осуят эмеспи.

Кыргыздар жакшы көргөн адамын эзелтен эркелетип айтышкан. Т. Сыдыкбековдун калемдештери, замандаштары: «Түкө» – деп чакырышты. Түкөбүз элине көптү берди.

* * *

Кыргыз маданиятынын, адабиятынын алгачкы баштоочуларынын тагдыры сыймыктуу жана оор: жоболоңдуу доордо өздөрү жол таап, билим-маданиятын өстүрүп, чеберчилигин арттырып, тилди асыл тутуп, өткөндөн калк тарыхын издеп, аны туура боолголоп, адабияттагы жанрдык алкакты, жаш адамдын ички дүйнөсүн, улуттук мүнөздү ачып, ой-сезимге сулуулукту жана жаңы түшүнүктү кеңитип, рухту байытып, дүйнөлүк маданият ка кыргыз рухунун ажарын көрсөтүп, граждандык парзын абийир менен аткарып келгенине күбөбүз. Түкөмө окшогон улуу муундагы баба дыйкан жазуучулардын, агартуучулардын эрдиги ушунда.

Жазуучу Т. Сыдыкбековдун даркан өмүрү, рухий өсүшү, табигый тазалыгы, сыйлык-даражасы, чыгармачылык көп кырдуу жолу, чеберчилиги, кыргыз адабиятынын баштоочусу, жаңычылдыгы, атуулдугу, сүрөткерлиги, адамкерчилиги, романдын устаты, улуттук рухий дүйнөдөгү бийик орду ж. б. ийгилиги жөнүндө басмада көп айтылып келет.

Айрыкча Түкөмдүн акылмандыгы, жашоодогу өжөрлүгү, эрдиги, күрөшкерлиги мени суктантат. 70–80-жылдары Түкөм Жазуучулар союзуна чанда бир башбакканы эске түшөт. Т. Сыдыкбеков СССР Жазуучулар союзунун курултайына, башкарма башчыларына жана Кыргызстан КП БКнын башчыларына ачуу каттарды жазып, анда Ата Журт аймагында шовинизмдин басмырлаганын, анын залакасын, калайыктын тарткан шорун, жергиликтүү кызматкерлерди тандоодогу трайболизмди, улуттун тарыхы, маданияты, салты, тили, рухий дүйнөсү, өнүкпөйөспөй тепсендиде экенин көк жалдык кылып тике айтып, жалгыз күрөшкө чыккан кези экен. Ошондогу Түкөмдүн күрөшүн эми эстесем, анын эрдиги дүйнөлүк адабияттагы биз суктанган каармандардын бейнесине окшоп кетет.

Совет доорунда Т. Сыдыкбековдун бийлөөчү төбөлдөргө жазган каттары жөнүндө басма сөздөрдө ачык айтылчу эмес. Каттары эч бир басмада жарыяланбады. Жазуучулар арасында кеңири талкууланбагандыктан эл арасында аңырт сөздөр көбөйдү. Бийликтегилер Түкөмдүн ниеттештерине, ымалалаштарына, шакирттерине бут тосушту, сыйлык, наам алуусуна тоскоол болушуп, кысымга, куугунтукка алып турушту. А түгүл Т. Сыдыкбековдун «Көк асаба» тарыхый романы кара өзгөй адилетсиз сындарга дуушар болуп, жабыркады. Толук кабарды Түкөмдүн өз оозунан угаар элек. Ошол апаат күндөрдө Түкөмдүн эрдигин ичибизден жактырган менен чыныгы атуулд у дароо колдоп, жөлөк-тирек боло албадык. Мейли, анда биз жаш элек деп кутулсак, ал эми зобололуу калемдештери деле, жазуучуну дайыма мактаган сынчылар деле дымып калышты. Кээ бир үшүркөгөн замандаш, достору бийликке көшөкөрлөнүп кетти. А бийлик залкарды биротоло торго камагысы келиптир.

А Түкөм ариетин бийик тутуп, башын канжыгага байлап алып, көк жал бороон-чапкынга моюн бербей, жегене туруп берди. Тунук акыл күрөшкер мүңкүрөгөн жок.

Түкөм өз элинин алдында жазуучулук да, граждандык да, патриоттук да парзын абийир, намыс менен аппак аткарды. Келечек муун алдында дидары жарык, карызы жок. Нарктуу карып, үзүрлүү өмүр сүрүп өттү. Бабалардын санжыра-тарыхын, накыл сөзүн, салтын, рухий мурастарын ыйык тутууну, кыска өмүрдө эрдик менен жашап өтүүнү, Ата Мекенге кандайча ак кызмат өтөөнү, патриот деген кандай адам болорду жана анык толук үлгүсүн, бедерин көрсөттү. Кийинкилерге агартууч улук, атуулдук сабакты, чакырыкты калтырды. Эгерде биз элди, жерди, Мекенди Түкөм тилегендей, Түкөм айткандай сүйө алсак, аземдеп ак кызмат аткара алсак, анда журт атасынын арбагы алдында карызыбыздан, милдетибизден кутулган болор элек.

Кенеш ЖУСУПОВ

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Алыкул Осмонов 1915-жылы кыш айларында Чүй боорундагы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Алыкулдун балалыгы ажаан жылдарга туш келген. Бир жылдан кийин 1916-жылдагы көтөрүлүш жана улуу үркүн чыкты. Алыкул ымыркайында апасы Алтын чечектен каза тапкан. Үч жашында атасы Осмон опат болду. Алыкул карачечекей эжеси Мария экөө жаштыгынан азаптуу күндү башынан өткөрүштү. Агалары Алыкулду төрт-беш жашынан Пишпектеги жетимканага өткөзүшкөн. Бишкектеги балдар үйү 1918-жылы мурдагы Атакан бай дегендин эски короо-жайында ачылган. Башында буга өңчөй кыргыздын тоголок жетим балдары алынган эле. 1922-жылы Токмок шаарында да балдардын үйү жаңы уюштурулган. Үч жылдан кийин Алыкул ошол балдар үйүнө которулду. А.Осмонов бу жерде беш-алты жылдай билим, тарбия көрдү. Алгачкы жылдары Токмоктогу балдар үйүнөн тарбиялангандардын айрымдары кийин кыргыз адабияты менен маданиятына эмгеги сиңген адамдар болушкан.

Жыйырманчы жылдарда таалим-тарбия алган адамдардын эскерүүсүнө караганда, Токмок калаасында электр жарыгы жок эле сууну кудуктан алышкан. Балдар үйүнө ар кайсы жерден чогулган жетимдер окшош кийим кийинишип, кызыл жагоо тагынышып, Токмоктун көчөсүндө кырка тизилип, барабан кагып, марш ырын ырдап өтүшчү.

Мына ушул балдар үйүндө жүргөн кезинде Алыкул Осмоновдун өңүнө кызыл чуркады, колуна китеп, калем кармап, биринчи барабанчы болуп кийим кийинип, курсагы тоюп, күлкүсү чыгып, чекеси жылыган.

Жыйырманчы жылдары элге билим бере турган сабаттуу кыргыз уул-кыздары өтө сейрек болгон. Адеп уюшулган мектептерде сабактар кыргызча, аздыр-көптүр татарча жүргүзүлдү. Мектептерде окуу куралдар, китептер дээрлик жок эле.

Токмоктогу балдар үйүндө жүргөндө Алыкулдун адабий китепке ынтызарлыгы байкалган, колуна тийген кыргызча, татарча китепти окуй берген. Балдар үчүн жазылган орусча китептерди шар окуп калган. «Жазуучулук баяным» дегенде Алыкул минтип эскерет: «Мен жазуучулукка бала күнүмөн ынтызар элем. 1927-жылы он үч жашымда кайсыдыр бир окуу китебине басылып чыккан «Жайлоо» деген (авторун билбейм) аңгемеге ашык болгонуму унутпайм. «Эне тил» сабагынан бере турган Артыкбай Жолдошев деген мугалим ошол аңгемени бизге окуп берди да (жаз чыгып келе жаткан мезгил эле): «Жакында жайлоого чыгасыңар, кайра күз келгенге чейин ушул өңдөнгөн аңгемени жаза келгиле» – деди. «Чын эле кантип жазам» деген ой мени аябай эңсетти.

Аңгыча жай бүтүп, күз келди. Баягы аңгеме дагы эле эсимде. Бирок жазууга күчүм жетпестигин билип турам. «Мага бир күч пайда болсо да, бир дегиче жаза койсом» деген санаа түшөт. Күзгү окуу башталды. «Эми мугалимге эмне дейм» – деп кайгырам, бирок мугалимибиз ал аңгеме тууралуу ооз ачкан жок.

1929-жылы мен 1925-жылдан бери окуп жүргөн Токмок шаа рындагы интернаттын дубал газетасына биринчи ырым чыкты. Ошол кезден баштап, жазуу ишине көңүл коё баштадым.

Токмок шаарындагы интернатта жүргөндө А.Осмоновго тарбиячы катары Грунья Савельевна деген аялдан көп накыл угуп, орус адабияты жана маданияты боюнча багыт алган. А.Осмонов 1946-жылы «Грунья Савельевна» деген жакшы ыр жазган.

1929-жылы А.Осмонов Бишкектеги педтехникумга келип кирет. А кездеги айыл жеринен келген уландарга караганда Алыкул Осмонов орус тилинде китеп окуганды талтөөндөй билип калган.

1925-жылы ачылган кыргыз педтехникуму (мурдагы Кыргызинпросу) азыркы Эркиндик бульвары (анда Комсомольская) жана Токтогул (анда Демьян Бедный) көчөлөрүнүн түштүк батыш бурчунда жыгачтан салынган имарат эле. Педтехникумдун алдында даярдоо курстары боло турган, айылдан жарытарлык билим албаган балдар-кыздар үч жылдык даярдоо классын бүткөн соң техникумдун биринчи курсуна кабыл алынчу. Техни кумга өткөн балага өкмөттүн эсебинен бекер тамак, кийим, жатакана берилген.

Отузунчу жылы кыргыз педтехникум Ата Журттун билимге кумар уул-кыздарына бирден бир маданий очок болгон. Педтехникумдагы болгон маданий жаңылык «Эркинтоо» газетасына кадимкидей басыла турган. Техникумдун алдында драма, музыка, ырдоо жана башка бир канча ийримдер (кружок) иштеген. Окуп жүргөн жаш таланттар ийримге атайы пьеса жазышкан, музыкага шыктуулары обон чыгарышкан. Студент тердин койгон оюндарына, ыр-бийлерине шаардык адабият менен өнөргө чаңкаган жаштары гана эмес, калаанын чеке-белиндеги айылдардын адамдары куду театрга баргандай шаң менен келип, оюн көрүшөр эле. Оюн бүткөн соң бий башталчу.

А.Осмонов ошондой мезгилдин шаанисине батып жүргөн.

Техникум ачылары менен окуу жайда «Кызыл учкун» адабият уюму уюшулган. Уюмдун ачылышы жөнүндө «Эркинтоо» газетасы 1925-жылы 22-декабрде минтип жазган: «Областтык кыргыз институтунун жанында жаңыдан адабият уюму ачылды. Бул уюмдун ачылгандагы максаты – кыргыз жаштарынын арасындагы жазууга шыктуу жаштардын өсүшүнө жардам берүү, кыргыздын калк адабиятын тереңирээк үйрөнүү болуп саналат.

Жаңыдан ачылган адабият уюму өзүнүн алдына бир топ максаттарды койгон. Алардын эң негизгилери: «Жаштарды башка элдердин адабияты менен тааныштыруу, кыргыз тилин жана анын адабиятын, өзгөчө оозеки адабиятын жакшылап үйрөнүү».

Адабият уюмуна мүчө кылып алуу өтө ардактуу милдет эле. Ийримде кезек-кезек менен ыр окулчу, талкуу жүрчү. А.Осмонов жөнүндө адабият чөйрөсүндө шоораттуу сөздөр айтылып калган.

А.Осмоновдун өзүнүн жазган «Жазуучулук баянымын» окуйлу: «1930-жылы сентябрь айында «Сабаттуу бол» деген республикалык газетага «Кызыл жүк» деген ырым чыкты. Ал ырды окуп алып, ошол түнү кубанганымдан уктабай чыктым. Газетаны катып коюп, күнүгө он жолу окуйм. Эртеси да бирди жазып алпардым, анан дагы…

Сабак маалында да, бош убагымда да жазам…»

Кыргыз жазуучулары отузунчу жылдары өздөрү-өздөрүнө мугалим, устат болушкан.

1937-жылы А.Осмонов орустун улуу акыны А.С.Пушкин жөнүндөгү «Менин окутуучум» деген чакан макаласында: «Мен педагогика техникумунда окуп жүргөн кезимде эле А.С.Пушкиндин «Кышкы жол» жана башка ырларын жаттап алган болчумун… Ошол кезден тартып, мен Пушкинди сүйүп калдым жана өзүмдүн окутуучум деп эсептейм…»

А.С.Пушкин А.Осмоновго өмүр бою сабак, сыноо, таалим болгон. А.Осмоновдун өмүрүндө 1937-жыл кызык да, жаштык өмүрдүн, чыгармачылыктын эргиген, өмүрүнүн бурулуш жылы болгон. Ушул жылы жазылган анын кичинекей ука дептери бар. Анын ичине жаш акын 1937-жылда сегиз ай бою дуулдаган жаштык күндөрү жөнүндө латын тамгасы менен күндөлүк жазган.

А.Осмонов «Жазуучулук баянымда» минтип айткан: «1937-жылы Москвага бара жатып да, кайра келе жатып да Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатырынын» подстрочный котормосун, ал жөнүндөгү кээ бир макалаларды окуп жана ошону которууну ойлодум. Бул санаа мени көп уйкудан калтырды. Чоңойдум, эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам, менин Алыкул атым кайсы» – дейм. «Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колу нан эчтеке келбеген» – деп ойлойм. Буга кошумча бул укмуштуу поэма мени аябай кызыктырды.

1938-жылы май айынан баштап, ушул улуу поэманы которууга кириштим. Ушул айда мен өмүрүмдө биринчи сүйгөн Айдай Жигиталиева деген кыз менен ажырашкан болчумун. Анын себеби эмне экенин ушул күнгө чейин билбейм. Өз ичимден: «Бул күйүттү ыр менен басуу керек жана өзүмдү тааныт уум керек» – деп коём да, бардык намысым менен иштейм. Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң атканга чейин олтурам. Окуйм, котором, таң калам, кубанам! Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм…

Жай, кыш, күз дем албай иштедим. Себеби анын кызыгы ошондой болду. Акыры Фрунзеде, Токмокто, Ошто, Москвада жүрүп которуп, 1939-жылдын апрель айында Москва алдындагы Малеевка деген жазуучулардын дачасында бүттүм».

Ш.Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатырдын» котормосу жаш акындын аппак сезиминин гимни жана алгач сүйүүсүнө койгон эстелиги болгон.

А.Осмоновдун котормосунда «Жолборс терисин кийген баатыр» 1940-жылы латын тамгасы менен чыккан. Китеп бар болгону анда 1090 нуска менен басылган.

Менимче, Шота Руставелини которуп бүткөн соң Алыкул чыгарма жазуунун мээнет-түйшүгүн, сырын, ырахаткууралын түшүнгөн окшобойбу! Мурдагыдан көп жазып, чеберчилиги өскөн менен дагы жазгандарына түк ыраазы болбой, алымсынбай кыжаалатта келди. «1939–1940-жылдарга чейин аз жаздым. Бирок көп окудум. Негедир ошол мезгилде «Лирика» аттуу китеп камдап, бир топ пессимисттик ырлар жаздым. Кийин 1941-жылы анын баарын өрттөп салдым», – деп жазган А.Осмонов.

А.Осмоновдун 1939–41-жылдары жеке турмушунда кыйла өзгөрүүлөр болгон. Ал Зейнеп С. менен Москвадан таанышып, кыз театралдык институтту бүтүп келген соң баш кошушуп, бир кыздуу болушуп, ымыркай эрте чарчап, акыры ажырашып кетишет.

Ансыз да учук ооруга чалдыккан, жеке турмуштун кайгысына баткан, чыгармачылыктын шыдыр жолуна түшпөгөн А.Осмонов үчүн бул жылдар өтө оор сокку, сыноо болду. Мындай азаптуу жылдар 1944-жылга чей ин созулду. А.Осмоновдун 1942–43-жылдардагы жазылган чыгармалары жокко эсе, өзү айткандай бул жылдары жазылган көңүл жана кайгы ырларын өрттөгөнү чын болуш керек.

А.Осмонов акыры Ысык-Көлдү пааналады, биринчиден, дартка дабаа болсо, экинчиден, көл тегерегинде эс алуу, дарылануу жайлары жаңыдан ачылган, үчүнчүдөн, элдин тарыхын, санжырасын рухий казынасын, динин, салтын, тилин үйрөнүүгө аракеттенген.

Акын 1944–1945-жылдары Койсарыда бактылуу да, түйшүктүү да күндөрдү өткөрдү. Ал көл жээгиндеги курорттун узун тамынын четки бөлмөсүндө жашаган. Акын түнкүсүн бөлмөнүн каалгасын ачып коёт. Көлдүн шарпылдагы, жети түндө каз-өрдөктүн каркылдагы угулат. Көлдүн түнкү бейпилдигин акын гана билет. Акынга дүйнөдө калемден ашкан, айныбас, сырдаш сыйкырдуу досу жок белем. Акын калеминин дарамет күчүнө дабаа барбы, жашоосундагы жогун бар кылып, азыркыдан байыркыга заматта чабыттап, учуп жетет, барк албаганды ыйык жасайт, эскини жаңыртат, таштан гүл жасайт, кичини улууга, алысты жакынга жеткирет. Ал куру кыял менен кош айтышып, чындык менен табышты. Алыкулга дүйнө ажайып ачылып, сырдуу, улуу көрүндү, жан дүйнөсү байып, кол-жолу бош, эркин кушка окшоду. Ал көнүмүш талаш, ичи тардык, дүнүйө, көр оокат, азгырыгынан арылды, жаны сеп ала түштү. А тургай оорудан да, өлүмдөн да баштагыдай коркпой, тобокел карады.

Алыкулдун эмики жападан-жалгыз көксөгөнү – поэзия дүй нөсү эле.

Акын: «Мен уялам, мына мындан уялам, көзгө толоор бир чоң эмгек кылбаганына» намыстанып, «аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм, бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс» – деп, күндүр-түндүр кирпик менен килем согуп, «бул дүйнөдө сүйгөнүм бар жапжалгыз, аным эмне? Өлбөй турган жакшы ырлар» – деп долуланып, түнөрө отурду. Алыкулга эми убакыт жетпей атты. Убакыттын, өмүрдүн кымбаттыгын ошондо бир баалаган акын.

А.Осмонов өмүрүнүн кыскалыгына көзү жетти. Барабара жөтөлү күчөдү, алсырап, оорусу өтүшүп баратты. Акын жашоонун толгон-токой ырахатына кайыл, бир-эки жыл жашасам көптү иштейт элем деп тиленди. Ошондуктан өзүңдүн сүйүүңдү, күйүтүңдү тирүүңдө айтып кал, өмүрүңдү бекер жашаба, акын болсоң поэзияга бир жаңылык жаса, башкаларга окшобогон өрнөк, изиңди калтыруу керек деп тиштенди. Өзү жөнүндө чындыкты жазууну чечти.

* * *

А.Осмоновдун 1944-жылдарга чейин жазган чыгармаларын кыргыз адабиятын изилдөөлөр жетилүү мезгили деп аташат. Мунун чындыгы бар.

Акындын 1944-жылы 30-ноябрда жазган «Бөбөккө» деген төл ыры анын чыгармачылыгында бурулушу болгонуна, жетилгенине күбө боло алат. Ырды адегенде «Бешик ыры» деп атамакчы болуп, кийин «Бөбөккө» деп оңдогон. Ыр наристе кезинде чарчаган кызы Жыпарга арналган.

«Бөбөккө» деген ыр Алыкулдун өмүрүндөгү жана чыгармачылыгындагы өткөн бир чагылган сыяктуу. Ушул ырдан тартып десек да болот, Алыкул акындын жолу шыдыр кетип, жашыл чөбү бүрдөп, жан дүйнөсүнүн дарбазасы ачылат, булактын көзүн бууган ташты алып салгыдай ыр оргуштап агат.

Каңырыгы түтөп муңканган, жүрөгү ууланган акындын ырын окуганда кыргыз элинин байыртан бери айтылып келаткан күйүттүү кошокторун уккансып кетесиң. Ыр соңунда Алыкул эртеңкиге тобокел кылып, белди бууп майышпай, кайра кайрат кылып чыйралат да, артына жакшылык тилеп, бала жоготуу, өзөктү өрттөгөн кайгыны, бейпай күндү башкаларга ыраа көрбөйт. Өмүрүндөгү жеке башынан өткөргөн оор күйүтүнөн поэзиянын асыл, керемет өнөрүнө татыр, башкалар ырахат алаар, суктанаар ыр, сулуулук жаратыш – акын үчүн чоң эрдик, ага канча алаамат күч керек!

«Бөбөккө» деген ырдан кийин Алыкулдун дүйнөсүндө улуу бурулуш болду. Ал акын дегендин мээнетине, түйшүк, ырахатына көзү жеткен, ошонусуна тобокел болуп, калеми менен көп ырахаттан кечип, айрым адамдар бактылуу болуш ушу деген жайдары, тынч, дөөлөттүү өмүргө азгырылбай, Алыкул кайра түйшүктүү, бейпай, өксүгү болсо да, адил, ооматы бар өмүрдү тандаган. Кайсы доорду албайлы, чыныгы таланттуу, сергек адамдар качан да болсо замандын агымын, кемтигин, кемчилик-шорун элден мурун туюп, турмуштун каардуу толкунун көкүрөгү менен биринчи тозот, жапаны ошолор биринчи чегет.

Акын өзүнө талапты катуу койду: сөзгө да, эмгекке да, уйкуга да дыйканча мамиле жасады.

А.Осмонов жылт этип жанган оюн жоготпой, көбүнчө тема коюп, дептерине дароо шилтей салчу. Кээде ошол теманын жанына пайдаланчу сөзүн же ыр сабын эскерип жазган. Анан ошол дептерлерин карап иреттүү иштеген.

А.Осмоновдун 1944-жылдын кыш айында отуз төрт күн ичинде жасаган эмгегинин түшүмүн карайлы. Акын бул күндөрү эки миңден ашык ыр сабын жазган. 1944-жылы биротоло башын поэзияга байлаган акын мындай дейт: «Жазуу деген кандай кымбат нерсе. Дүйнөдө жазуудан өтөөр жыргал жок. Эч болууга мүмкүн эмес».

А.Осмонов жазды жакшы көрсө да, насили кышында жемиштүү иштеген. 1945-жылдын январь айында үч поэманы же болбосо, бир миң эки жүздөн ашык ыр саптарын жазган. Ошол эле жылдын декабрында А.Осмонов кээ бир күндө сегиз ырдан жараткан күндөрү болгон. Отуз күндүн ичинде төрт поэма же болбосо эки миңдей ыр саптарын бүтүргөн. Ыр саптарынын билинбеген ичтен күйгөн оттору, акак таштай салмактуу сөздөрү, адамды жакшылыкка, бийиктикке, сулуулукка, күрөшкө чакырган ойлору бар.

Акын Койсарыда эки кышты өткөрдү. Эки жаңы жылды тосту, экөөндө тең жалгыз шам менен отуруп калем менен сырдашып: «Барактап, ой улантып китеп ачтым.

Вино ичпей, кол кубантып ырлар жаздым» деген.

А.Осмонов мерчемдүү поэмаларын бүт Койсарыда бүтүрдү. Ал чыгарма жазганда өжөр, эмгекчил, этият эле. Алыкул дептерине: «Сөздөр кадимки майданга кирген жоокердей ишке кирсин»,– деп жазганын чакырыктай көргөн. Акын өмүрүндө эки-үч жолу гана чыгарма жазып келип, токтоп калганы болбосо (алар да ден соо луктун айынан), бир баштаганынын өтөсүнө чыкчу. Ыр болсун, поэма болсун, бирөөнү бүтмөйүн, келеркиге асылбаган, башаламан чарпылбаган. Ал эми поэма же пьеса жазып жатканда бирин-жарым гана ырларын жазган, дитин жазган чыгармасына берген. Алты ай бою В.Шекспирдин «Отеллосун» которду, ушул кезде акын ырга дам урбады. «Чолпонбай» деген операга либретто, «Махабат» деген лирикалык комедия, «Ак Мөөр» драмасын, «Баатырдын өлүмү» пьесасын жазган. «Манас» эпосу, улуу манасчы С.Орозбаков жөнүндө изилдөөнү жазып, элдик уламыштарды чогултту.

Койсарыдагы акындын ыр жазган өнөрканасынын сырына ой жүргүзүп көрөлү. Акын беш миңден ашык ыр сабын жазды. Ал бир күндү да, саатты да текке кетирбеди. Ал ноябрь айынын соңунда, төрт күндүн ичинде беш жүз элүү саптан турган «Толубай сынчы», «Мүнөз ойну», «Менин энем» деген поэмаларды удама-удаа жазып жиберди. «Майдын түнү» поэмасын эки-үч күндө, жаңы жылды жалгыз тосуп отуруп жазган. «Күлүйпа», «Карагул», «Мырза уул», «Жүз жыйырма жаштагы бак…» сыяктуу поэмалардын ар бирине үч күндөн гана короткон. «Жеңишбек», «Өлүп тирилгендер» поэмаларын төрт күндө бүткөн. Койсарыда жашаган эки жыл ичинде он үч поэма жазды. Анын ичинде «Ак Мөөр» поэмасы, «Ким болду экен», «Үч аяк», «Эшимкандын тереги» ж.б. поэ малар бар. Ал «Өмүр баянымда»: «1945-жыл менин жеке өмүрүмдүн жана жана чыгармачылыгымдын бышкан мезгили деп ойлойм» – деп айтканы бекеринен эместир. Акын «Шота Руставелиге», «Отуз жаш», «Мен эмнеден уялам», «Сүйүү жана мен», «Мага күлбө», «Табият жана музыка», «Ысык-Көл», «Адамзат», «Каламга», «Сулууга», «Замандашыма», «Эскерме», «Мен өтпөдүм», «1945-жыл, 31-декабрь» ж.б. философиялык, лирикалык жана турмуштук бир нече мыкты ырларды жаратты.

* * *

А.Осмонов жаңы жылда кар оор түшкөндө ооруп, Караколдо, Бишкекте дарыланып, жайкысын эл аралап, Ат-Башыга чейин барып, кеч күздө Чолпон-Атага, Бирлик айлына келген.

Акын ак кууга окшоп көлсүз жашай албады, ЫсыкКөлдү Ата Журтум дечү. Ысык-Көл акын А.Осмоновдун бүтпөгөн гимни эле. Ал Ысык-Көлдү бирде ата, бирде жолдош, бирде курдаш да, кээде энедей же досундай, эң бир таттуу ширин сөздөр менен жалынган: «Сен ырыскым, сен жыргалым, касиетиңден айланайын, жаныбарым, менин канатым, сенсиң бакыт, күч кайратым, кубатым».

Акын көл жээгинде келгин куш сыяктуу эртели-кеч тажабай, ойноок, шарактаган көл бетине жүз бакканда жайлоо желин жуткандай, уялчаак кызды өпкөндөй көңүлү сергип, ою дүйнөгө өтө качып, жаны сеп алып жыргап, толкундап жүрө турган. Акындын көз алдында көркүнө көктөн башканы сүртүнбөгөн, толкундары түркүмдөлгөн, көргөн сайын көркөмдүгү жаңырган көл жатчу.

А.Осмонов көлгө жүз кадамдай чукул коктучага салынган балдардын санаториясындагы жыгач үйдө жашачу. Бу эс алуучу жайы отуз сегизинчи жылдары курула баштаган. Балдар жайкысын гана эс алышчу, кий ин согуш учурунда бу жер госпиталь болуп, оорулуу аскерлер дарыланган. Согуш бүткөндөн кийин кайрадан балдар чогултулган. Кышы ээн болуп калаар эле.

А.Осмонов Чолпон-Атада баш көтөрбөй иштеди, күндүр-түндүр кармаганы калем, тиктегени кагаз. Ал ырларынын көбүн ушул жерде: жайы мелүүн, кышы жумшак жерде, түнү отуруп жазган. 1946-жылы төртүнчү ноябрдын түнүндө акын тогуз ыр, онунчу ноябрда он ыр жазган күндөрү болгон.

А.Осмонов 1947-жылдын ичинде «Экинчи бригада», «Корукчу Кооман», «Ракыя», «Абылкасым Жанболотов», ж.б. пьесаларын жазды. Пьесаларында «Бирлик» айылындагы адамдардын так аттарын, кыял-жоруктарын, эмгегин, кубаныч-кайгысын көрсөткөн.

Негедир А.Осмонов ошол жазган пьесаларын учурунда режиссерлорго, же министерствого, же тиешелүү жерлерге сунуш этүүдөн тартынганбы, айтор театрлар дүйнөс үндө ажарлары ачылбай кала берди.

А.Осмонов көп окуп, эл тагдыры жөнүндө ой жүр гүзүп, В.Шекспирдин «Он экинчи түнүн», А.Навоинин «Лайли менен Мажнунун», А.Пушкиндин «Евгений Онегиндей» залкар чыгармаларын кот оргон.

1948-жылы А.Осмонов Кыргызстандын бир өкмөт башчысынан ден соолугуна байланыштуу Фрунзе калаасынан жер сураган жана Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатырды» кайрадан бастырууга же али кыргызча чыга элек У.Шекспирдин «Отеллосун» китеп кылып чыгарууга жардам берүүсүн өтүнгөнү оң чечилип, ошол эле жылы шаардын түштүк батыш тарабынан, Тимирязев көчөсүнөн (Кийин Сокулук көчөсү № 10) там сатып алган. Шаардагы чоң заводго жакын үйдө А.Осмонов эки жылдай жашады. Акын бир жекече там ээлеп, өзүнчө түтүн булатып, көптөгөн ойлорун жазып отурууну зар тилеген.

А.Осмонов Фрунзедеги тамында кыска, үч жылча өмүрдү жашады. Шаар, жумушчулар жөнүндө жакшы ырларды, «Жөнөш керек Меркеге» деген комедияны жазды. Акын көп жаңы ойлорду жазмакчы болот. Бирок ырбап кеткен дарты өтө жолтоо болду. Ал көбүнчө ден соолуктун камын көрүү менен алаксып калды.

Залкар акын А.Осмонов 1950-жылы 12-декабрде өз үйүндө жатып каза тапкан. А.Осмонов чыныгы акындын өмүрүн жашап, кайгылуу, азаптуу өткөн өмүрүнөн жаркын таза поэзия жаратты. Адамды сулуулукка чакырып, сезимин тазартып, кооз, назик дүйнөгө үндөдү. Чыныгы таланттар гана ушундай улуу эрдикке бара алышат.

Кеңеш ЖУСУПОВ

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Чоң-Сары-Ойдун чыгыш тарабынан күн чыгып, кумсарган көккө көтөрүлүп калган кезде Чоң-Сары-Ойдун кыбыла тарабында кызыл жалынга оронгон күн өрттөнүп батып баратты. Ал таажылуунун алдына таазим кылып турбаган, бир тоонун эки бетине бирдей тийген күн эле…

Кара жолдун Көл тарабына чыгып, көбүткө кулаган машинанын үстүндөгүлөр секирип кетишип, жалгыз гана адам калган. Ал эмнегедир секирген жок, тескерисинче, май куюлган бочкаларды кармап, кырсык кырында турган машинаны сактап калайын деп ойлоду. Ошол адам азыр минтип батаар күндөй балбылдап, бир бутун ичине жабыштыра бүктөй баскан, дөңгөлөктөрү асман караган машинанын алдында ай астын арманга, күн астын күйүткө айлантып жатат. Бул калеминин учунан торгойдун үнү угулган, кыргыздын булбул акыны, кыргыз элинин Пушкини аталып, күлүк аттын кашкасындай таа нылган

Жоомарт Бөкөнбаев эле. Аска басып калгансып дем алалбай кыйналып, көкүрөгү муздап, ичи күйүп, тили кургап, боорунан аккан кызыл кан карегин тешип чыккандай болду. Ошо маалда ал ак канат куштун арманын ырдап, күйгөн тал болгон күкүктөй сыздап, жаңырган айдай жарыгы жылуу дүйнөнү көз алдынан бир жоготуп, кайра таап, бир өчүрүп, бир күйгүзүп турду. Чоң-Сары-Ойдун таш төлдөгөн боз талаасы акын жаратына чыдай албай чыркырап ыйлап тургандай болду.

Жоомарт кайратуу эле, эс-акылын жоготкон жок.

  • Ичим күйүп баратат. Мени бир кыргыздын үйүнө алып баргылачы? – деди. Көз алдына өткөн өмүр-тагдыры карлыгачтын канатындай серпилип келди.

* * *

1924-жылдын эрте күзүндө Жоомарттын тагдырында күтүлбөгөн иш болду. Окуймун деген тилегине май тамды. Сөгөттөн келе жаткан. Апасы Алтынай аны: – Аяш атаңа барып кел – деп жиберген. Аерден талкан алып, кызылкүрөң ноопазын өңүрөңдөтүп келе жатканда артынан аттын дүбүртү чыкты. Жалт караса Токтогул аяш атасы экен, адатынча сүйүнүп кетти. Бөкөнбайдын баласы атасы өлгөндөн кийин өгүз минип калыптыр дебейби деп, куржунун атына арта салып, өзүн учкаштырып алды. Жолду катар кобурашып сүйлөшүп, Бөкөнбайды кайра-кайра каңырыгы түтөй эскерип, Жоомартка өзү ат койгонун айтып келди.

  • Атаң тектүү жерден чыккан да, уулдуу болгонун уктум да жетип бардым. Аттан түшпөй, жазгы нөшөрдөй төгүп турдум. Ошондо тамаша аралаштырып ырдап, Жоомарт деген атты өзүм койгонмун. Бу байлардын көбү сараң болот. Бөкөнбай да ошондой туяк санаган сараңдардын бири, баласы атасындай сараң болбосун, Жоомарт болсун деп батамды бергем, балам. Атаң экөөбүздүн ортобузда аселге айланган азил кебибиз бар эле. Калдастап калчу. Ошондо да шашкалактап калганбы, менин белиме жоолук курчап, алдыма кездеме коюп жатпайбы. Анда мен карап турамбы:

Жолсузга жорго салдымбы, Жоргомдон бүгүн жандымбы.

Жоргонун баркын билүүчү,

Жоомарттан жоолук алдымбы, – дегенде эле Бөкөнбай кара койду өңөрткөн. Кимибиз шашканыбызды билбейм. Сен төрөлгөндө ошондой тамаша болгон, – деди. Анан ал шаардан окуганга аракет кыл, көптү көрүп көзүң ачылат эле деп кеңеш салган.

  • Тигил Арстанбап-Чарбак тарапта чыйбылдынын эли бар. Аралап анда көп жүргөм. Ошоякта, Көкарт деген жерде, интернат ачылыптыр деп угам. Анысы жаткан жери бар, тамак-ашы бекер мектеп экен, – деп укканбилгенин айтып келген.

Ошондон кийин жалгыз эжеси Зыяданы аячу болду. «Мен окууга кетип калсам эмне болот? Апам кантет? Экөө эптеп күн көрүшөр бекен?» – деп ичинен санаа жеп, ой бышырып жүрдү.

Арымда Чоң сакал Сакенин Сагынбек деген баласы экөө кой кайтарып жүргөн. Сөздөн-сөз чыгып отуруп, ошо Сагынбектен укту:

  • Ысмайыл бүгүн жок, бүрсүгүнү окууга кетет экен, – деп калды Жоомарттын жүрөгү жарылып кетчүдөй болк этти.
  • Бүрсүгүнү?!
  • Бүрсүгүнү.

Көкартка ошо Ысмайыл менен кетмек эмес беле?..

Болжошкон күнү Бүргө, Ысмайыл болуп жолго чыкты. Муну билген Сакенин Сагынбеги ичинен тызылдап, жалгыз калган тал чыбыктай солкулдай берди. Акыры Жоомарттын апасына болгон ишти төкпөй-чачпай айтып салды. Алтынай арманын эми кимге айтмак, карегиндей кастарлап, өмүрүндөй сак-сактап жүргөн Жоомартынан ажырап калабы? Көргөн күнү не болот? Кайниси Ныязбекке барып:

  • Оору азабы көрүмдү көргөзүп жатканда Жоомартымдын айтпай-дебей кетип калганы эмнеси? Жалгызымдан топурак буйрубай, куу туяктын кубанычын кучактап каламбы? Тигил Асан акенин үйүнө бар, кетсе Бүргө менен кетет, – дейт.

Алар Бүргөнүкүнөн аттанып кетишкен эле. Ныязбек аларды Акжардан тапты. Эртеси апасынын ак батасын алып, кайрадан жолго чыгышты.

Революцияга чейин Кетмен-Төбө өрөөнү Арым, Музтөр, Суусамыр, Кеңкол, Каракыр болуп төрт болуштукту түзүп турган. Кеңкол, Каракыр болуштугу Анжыян уездине, калгандары Наманган уездине баш ийген. Кийин 20-жылдардын башында, жаңы типтеги деп аталган төрт – Ничкесай, Суусамыр, Музтөр, Арым баштооч мектептери ачылган. Жоомарттын көөнү Көкартт а турду.

Көкартта туура бир жыл окуду. 1925-жылы Оштогу эрктүү кара кыргыз тунгуч даярдоо-тарбия курсуна кабыл алынат. Бул курс Пишпектеги Борбордук даярдоо-тарбия курсу менен бир мезгилде (1924) ачылган, ошо кездеги негизги билим берүүчү жай болчу. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири кадимки Базаркул Данияров эле. Аны менен бирге Шарип Халыпжанов, Жоробек Сарногоев ж. б. иштешкен. Бирок ошо жылы Б. Данияров Пишпектеги жаңы негизделген Агартуу институтуна чакырылып кетет. Жоомарт аталган курска кирет. 1926-жылы бул курсту 37 угуучу бүтөт, бирок алардын бирине да атайын жолдомо берилбестен, бүт бардыгы алгач ирет ачылган Ош–ЖалалАбад педтехникумуна жиберилет. Техникумдун биринчи директору Жоробек Сарногоев эле. Кезегинде ал Касым Тыныстанов менен Ташкендеги казак, кыргыз агартуу институтунда бирге окуган, мезгилинин билимдүү адамдарынан болчу. Мурдагы мугалимдеринин арасына Хабира ханум Измайлова деген Кавказдын лезгин кызы келип кошулду. Хабира ханум орус тили жана адабиятынан сабак берчү эле. Эмнегедир ал Пушкинди кудай саначу, Гоголду пайгамбар дечү. Негизи орус адабиятын мыкты билчү. Жоомарттын куюлуп түшкөн мурдунан, жапалак арчадай тармал чачынан, эң башкысы ыр жазганынан, анысын жатка айтып бергенинен улам дайыма аны кыргыздын Пушкини деп келчү. Ушундан-улам ал жоро-жолдош арасында, анан бүт техникум ичинде Пушкин атыгып кетти. Жоомарттын көңүлүндө Хабира ханум эжейи кичи пейил, ыйманы ысык, жанга жагым мамилеси менен калды. Жүрүм-туруму, мүнөзү токтоо, ачык, адамга дем берген сапаты бар эле. Таанышындай, жакынындай, ишеничтүү адамындай карачу. Орус тили менен адабиятын андай билгенди Жоомарт кийин эмнегедир жолуктура албады. 1927–1928-окуу жылында Ош–Жалал-Абад педтехникуму Жалал-Абад шаарына көчүрүлдү. Мына ушундан баштап ал Жалал-Абад педтехникуму аталып калды.

Ош шаарынан ал Темиркул Үмөталиев, Нургазы Бримкулов, Жаныбек Жоробаев, Устабай Аксакалов, Бүргө Асанов ж. б. менен жакшы санаалаш болду. Техникумдун ишин, андагы туура эмес көрүнүштөрдү «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттерине сындап жазганы үчүн Жоомарттын иши комсомолдук бюродо, педсоветте каралды. Ал башында турган «бузуку топтун» лидерлерине техникумдан чыгаруу жагы эскертилди. Ушул окуядан кийин Жоомарт чечкиндүү түрдө Пишпекке, Борбордук педтехникумга кетүүгө кам көрүп, аердеги ишенген жалгыз адамы Базаркул Данияровго бармак болот.

Бороон жулган тумандай бириндеген ойлоруна жетпеген Жоомарт жел тийген өрттөй даулдап, май куйган оттой жалындап туруп алды. Чымчыктын канат алдындай жылуу, балапандын жүнүндөй уяң сезим жалган жалаа жалынына кабылып, куу камышка тийген өрттөй дүркүрөп турду. Жоробек досун ээрчитип, борборго баса берди.

Борбордогу педтехникумга келип кирген кезде Жоомарт аздыр-көптүр адабий чөйрөгө таанылып калган эле. Түштүк жеринен жазган сын макалалары, ырлары «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттерине жарыя ланып, ал түштүкт өн чыккан жалгыз акын, жалгыз кабарчы катары кепке алына баштаган. Шаардык Дзержинский көчөсүнүн баш жагындагы ашканадан педтехникумдун окуучулары тамактанчу. Анын берки четинде техникумдун директору Петр Кузьмич Юдахин жашайт, ашкананын аркы жагында студенттик жатакананын бир бөлүгү бар эле. Ошол жерде Жоомарт, Кубанычбек Маликов, Жамбыл шаарынан келген, улуту башкырт Абузар Хусаинов, Жаңы-Жолдун кулуну Жоробек Мамытбеков жана Жүкөш Мамбеталиев, Исабек Тургунбеков менен бир бөлмөдө жашады.

Жоомарт жүргөн-турганы, окуганы, ыр жазганы менен техникумдагыларга бат эле таанылып кетти. Түз сүйлөйт, оюн ачык, калыс айтканы мугалимдерге да жагат. Ушундан-улам аны техникумдун комсомол уюмунун секретарлыгына шайлашкан. «Кызыл учкундун» кыйындарынын бири да ушул Жоомарт.

Күнү бүгүнкүдөй эсине түштү. 1929-жылдын май айын да педтехникум өзүнүн алгачкы 21 бүтүрүүчүсүн уядан учурду. 1925-жылы окуу жайдын босогосун аттаган 25 окуучунун 21и бүтүрүп жатат. Алардын арасында У.Абдукаимов, Т. Саманчин өңдүү ысымы элге тааныла баштаган жаш калемгерлер бар эле. Ошондо төмөнкү курстун студенттеринин атынан Жоомарт сөз алып сүйлөп, сеңселген чачын сел толкун кылып ыр окуган. Бул салтанат Б. Данияровдун демилгеси менен өттү, П.К. Юдахин ден соолугуна байланыштуу ишке үзүл-кесил чыгып жүргөн мезгил эле.

Таанылып калган экен. Салтанат аягында Данияров агайы аны Касым Тыныстанов менен тааныштырды.

  • Менин окуучум болот, Ош техникумунда окуткам.

Мен биякка келгенде бул дагы келип калды.

  • Кыргыздын Пушкини Жоомарт Бөкөмбаев да? Билем, билем.

Касым экөө ушундай шартта таанышкан. Андан кийин ал жөндөн-жөн эле апасынын атынан Алтынаевич болуп алды. Эмнеге антти экен десең?.. Бир туруп кийин буга өкүнүп да, күлүп да жүрдү. Деги жөн жүрбөйт, бир нерсени ойлоп чыгарат да турат. Буга эки себеп болгон эле. Биринчиси, жанагы эрди-эрдине тийбеген Кубанычбектин Иманалиевич деген отчествосу жанын кашайткан. Бир нерсе десе эле: «Кубанычбек эмес, жолдоштор, Кубанычбек Иманалиевич дегиле. Биз баягыл эмеспиз. Силер эмнегедир шектүүсүңөр, азыркы заман кедейлердики, алар отчествосу менен жазылат. Мына менин отчеством бар. Петр Кузьмич Юдахиндин да отчествосу бар. Биз социализмдин адамыбыз. Силер эми караңгы жерден келгенсиңер да»,– деп мурдун көтөрөт да турат. Күйгүзөт. Экинчиден, Касым Тыныстанов да аны: «Келечекте силер чоң милдет аркалаган кадрлардан болосуңар Жоомарт… Отчествоң ким эле? Мейли, мейли, кара кыргыз экенбиз, Жоомарт Бөкөмбаевич деп турабыз да» деген. Ушундай кырдаалдан улам ал Алтынаевич болуп алды. Эне менен ата тең укуктуу, менде анын мээнети күч. Эненин ак сүтүн урматташ керек деди да, мен Алтынаевичмин деп жүрдү.

Алтынаевич дегенди чогуу жаткандардын бүт бардыгы жактырышкан. Ал тургай Жоомарттын жаңы отчество ойлоп тапканын колдош керек, эненин атын өчүрбөш керек дегендер чыккан. Чыкмак түгүл Кубанычбек мулуңдап:

  • Ушу Жоомарт чын айтат, энени урматташ керек. Феодализмдин бир саркындысы эненин атын жаздырбоо болчу. Менин отчеством жок болгондо Жоомартча энемдин атын алып жүрмөкмүн деген. Бирок аны бөлмөлөш достору Алтынаевич деп чакырып жүрүштү.

1930-жылы Кыргыз облустук партия комитети кедей табынан чыккан 300 кишини жооптуу кызматтарга көтөрүү керектигин алып чыкты. Мындай саамалык андагыларды аябай кызыктырды. Педтехникумдун жаштарынын арасынан Жоомарт Бөкөмбаев менен Кубанычбек Маликов мына ушундай келечектүү кадрлардын катарына илинди. Натыйжада, 1931-жылы Жоомарт «Кызыл Кыргызстан» гезитинин партиялык турмуш, Кубанычбек болсо экономика бөлүмүнүн башчысы болду. Окуу менен иш эришаркак бир жүрдү.

Ыйлап жүрүп, сыздап жүрүп таап алган тагдырын багындай көргөнү үчүн, азап менен армандан бүткөн өмүрдү агарып аткан таңындай кабыл алганы үчүн жакын санаалаштарынын мүнөз-пейилинен кайра жаралып, акыл-сезимине алардын ардагы катары кирди. Анан ошол адамдардын акыл-сезиминен жаралган өмүр болуп алардын тагдыр-турмушу сымал жашады. Өткөнүн унутпай туруп алардын келечегин көрдү, көрдү да өткөнүн да, келечегин да өзүнө тагдыр кылып алды. Ушунун өзүнөн ал ырайымдуулук менен боорукердикти жаратты. Мындай касиет Жоомарттын «Ленинчил жаш» гезитинде башкы редактор болуп иштеп турган мезгилде ачык көрүндү. Ал тургай Жоомартты таанып-билбегендер да андан жардам сурап кайрылып турушту. «Ленинчил жаштын» деңгээлин көтөрүш үчүн Комсомолдун Борбордук Комитетине кайра-кайра тыным албай маселе коюп отуруп анын штатын кеңейтти. Түгөлбай Сыдыкбеков, Курмангалий Каракеев, Кубанычбек Маликов, Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Тукей Кекиликов, Жумабай Камчыбеков, Абузар Хусайинов ж. б. таланттуу жаштарды редакцияга алып келди. Жөн эле алып келген жок, булардын көбүн облустук Комсомол комитети аркылуу бирин Көлдөн, экинчисин Нарындан, үчүнчүсүн башка жактан чакыртып келди.

Сокурдун көзүнөн чыккан жашты сокур көрбөй соо көрөт деген чын экен. Жоомарт өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө далайлардын тагдырын көргөн. Тукей Кекиликов жумушчу-жаштар факультетин бүтүрүп жаткан жылы бекен же андан бир жыл мурун беле, айтор, ал гезитке жарыяланган сын материалдары үчүн тап душмандары тарабынан кысым ала баштады. Мырзалы Тө лөгөнөв дегенди түбү Жумгалдан чыккан бийдин тукуму экенин айтып, фамилиясын өзгөртүп кой терисин жамынган карышкыр комсомолдук жооптуу кызматта из жашырып жүргөнүн ачык жазганы үчүн куугунтук жеди. Сары изине чөп салынып, окуудан чыгарылмак болгондо Жоомартка кайрылган. Кардай муздак кабарга ал чыдай алган жок. Түн түшүп турган жерге түндүктөн тийген күн болом деп күйүнгөн Жоомарт мындайда тынчып калчубу. Түз эле аны «Ленинчил жаштын» редактору Сыражидин Сармановго ээрчитип барды. Гезиттин кийлигишүүсү менен чындык корголуп калган. Ошондо жаштар гезитинин бир бетине «Пролетариат кабарчысынан колуңду тарт!» деген тема коюлуп, бул маселе комсомолдук иштин негизги бөлүгү экени коомчулукка коюлган. Мындайлар далай болду го.

«Ленинчил жашта» редактор мезгили эле. Темиркул Үмөталиевге Сокулук районунун Октябрь колхозунун ишеничтүү адамдары чарба менчиги талоонго учурап жаткандыгын айтышат. Бул фактыны Темиркул өзү териштирет да, болгонун болгондой Жоомартка айтат. Ал кезде Жоомарт менен Тукей Совет көчөсүнүн 174-үйүндө турушчу. Темиркул болсо Кызыласкерде иштөөчү. Келип-кетер жери ушул эле. Муну уккан Жоомарттын төбө чачы тик турду.

  • Эртеңден калбай жазгының. Эгер жазбайт экенсиң анда мен Кубанычбекке айтам да, өзүңдү кошо жаздырам,– деп Темиркулду коркуткан. Ошентип макала жазылат, колхоз менчигине кол салгандардын башында Кыргызмамбаста иштеген Бөрүбай Кененсариев турганы фактылар менен айтылат. Эртеңки күндүн эсебин билген Жоомарт бул материалды дагы бир жолу текшерүү зарылдыгын айтып, ишти орун басары Кубанычбек Маликовго тапшырат. Акыры Кубанычбектин, анан Темиркулдун, аларга кошуп редакциянын баш макаласын гезиттин биринчи бетине беришмек болду. Айрымдар экинчи бетке берели дешти. Шамалды кармап шам жаккан шашма Жоомарт болчубу. «Биринчи бетке беребиз, бүгүнкү күндүн күйүп турган темасы»,– деди да, чекеге чеге кадагандай «Бөрү атылсын! Кыргызстандын улан-кыздарынын талабы ушундай» деген негизги жана көмөкчү тема менен бүт материалды берди. Гезит чыккандагы уу-дууну айтпа, чагылган түшкөндөй эле болду. Редакциянын тынчын алгандар ошондо көбөйдү.

Бөрүбай Кененсариев а кезде чын эле Кыргызмамбаст а массалык үгүт-насаат бөлүмүндө, Жусуп Турусбековдун кол алдында иштөөчү. Учурунда Сыдык Карачев, Касым Тыныстанов өңдүү жазма адабиятынын алгачкы коллективдүү жыйнагы «Кызыл гүлгө» бир нече ырлары кирген таланттардын биринен эле. Тап күрөшү таш күйгүзгөн өрт болуп турган мезгилде катуу куугунтук жеди. Солто уруусундагы чынжырлуу манаптын тукуму экени чын. Бир тууган агасы Жантай революция алдында эле солто уруусун сурап турган манап болгон. Жумгалдын журт башкарып келген манабы Мырзабек Бөрүбайдын кайын  атасы болчу. Б. Кененсариевдин алаканда турган акыбалы да, танып-чанып кеталбас тагдырына айланган таржымалы да ушундай. Кыскасы, ал таманын тилип, канын ал да, суу кечирип асып сал деген буйрукту каректин нуру өчкөнчө укпасам экен деп тилеп, күмбөзгө тарткан сүрөттөй болуп жалдырап жүргөн кези эле. «Ленинчил жашка» жазылган макала куюндан коркуп, кудукка түшүп жан сактаган Бөрүбайдын бөйрөгүнө канжар болуп урулду.

Жоомарттын барбаган жери, кирбеген эшиги калган жок. НКВДнын алдына барып, Москва менен сүйлөшөм, биринчинин өзүнө гана түшүндүрөм деп, кайра тартпас кабылан мүнөзүнө салып жатып кутулуп тынды. Ушундай күндөр өткөн. Өчөгүшкөн күлүктөй өр талаша бет алып жарышкан учурлар болгон.

  • * *
  • Ичим күйүп баратат. Мени бир кыргыздын үйүнө алып баргылачы? – деди Жоомарт ажалдан качкан аркардай элеңдеп да, жалдырап. – Бутту айтсаң да, Аманкул, бут курусун. Ичим ысып, каным катып баратат. Бир айла кылып, Тентини алдыра алар бекенсиң?

Аманкул Куттубаев эсине келалбай жаткан. Түшүнүп да, түшүнбөй да турду. Көргөн-бакканы эле Жоомарттын буту. «Буту эмне болот? Чолпондой жигит чолок болуп калабы?» Ушул ойго туткундалды да, калды. Жоомарттын карегине ушу саам мелтиреген көк асман алда кандай шаңкайып да, жаш баланын көз жашындай мөлтүрөп да тургандай туюлду. Ошо шаңкайган тунук көк мейкинде ал каркырадай канат керип учкусу келди. Жо-жок, канат керип эмес, чабыт ыракатын эңсеп, чабыт кумарын самап жүрүп көк мейкинге бир көтө рүлгөн, бурганак жарып, буюгуп учкан куш болуп, жебедей сызып, октой ойноп учууну эмнегедир өмүрүндө бир ирет, бир болгондо ушу азыр көкүрөгү менен, бүт тулку-бою менен көзүнөн ак чаар учуп көксөп турду. Бирок ушу маалда Жоомарттын көзүнө жер карайып, көк көрүнбөй, күн нурсуз, кара чекит болуп баратты. «Күнгө эмне болду? Күн өлдүбү? – деди. Күн өлчү беле, күн тутулат да. Балким, ал – кара чекит болуп көрүнгөн нерсе күнгө жетип күүлөнүп аскага боюн атканы калган шерти жанбас туйгун куш болуп жүрбөсүн?

Туйгундар гана намысын көккө жетип, Күнгө барып, Күн нуруна айланган ак жарык болуп айта алат да, самаган шертин аткарат. Туйгунча жашап, туйгунча өлүш туйгундан башканын башына түшкөн тагдыр эмес». Жоомарт эмнегедир ушуну ойлоду. Күн көзүнө көрүндү. Асман жердин ортосуна нурун төшөп туруптур.

…Эзилген боордон кан токтобой ага берди, ага берди. Ар тамчысы кызыл чок болуп тама берди, тама берди. Күйгөн от болгон бу дүйнө карегинде бир өлүп, анан кайра карегинде өрт болуп жана берди…

  • * *

Жалгыз талдын жарыгындай кыска өмүрдүн жан сураган мезгили да болду. Кыл тамырга кызыл жалын өрт толуп, каректен күйгөн кан агып да турду. Адамдын ичер суусу, көрөр күнү түгөнбөсө ал баарына чыдайт экен, жер көтөргүс тозоктун жүгүн да көтөрөт экен. Отузунчу жылдардын ортосунда ал ушундай оор тагдырга туш болду. Туш келмек деле эмес, муну бир чети өзү да күчөтүп жиберди. Чапчаң, бетке чабар, түз айтмай мүнөзү бир күнү болбосо, бир күнү түбүнө жетет. Ошо кезде Касым Тыныстановдун тагдыры кылыч мизинде, найза учунда турган. Жалгыз жаны шишкебек болуп НКВДнын чоктой кызыл шишине сайылган кезде, 1937-жылдын 1-августунда Касым камакка алынды. Андан мурда ВКП(б) Кыробкомдун бюросунун 1935-жылдын 21-сентябрдагы чечиминин негизинде Токчоро Жолдошев Агартуу эл комиссарынын кызматынан алынып, 16-октябрда НКВДнын ички түрмөсүнө отургузулган. Арадан бир ай, бир күн өткөндө, 1935-жылдын 17-ноябрында партиядан чыгарылган. Кезек Жоомартка келдиби? Айрыкча Токчоро Жолдошев, Курман Камбаров менен жакшы эле. Эми сурак бере баштады. Жолдошев менен Камбаровдун эмне иш жасаганын, кимдер менен байланышта экенин такыгандарга тайманбай жооп берип жүрдү. Бир мертебе: «Мени да отургузгула, мени менен экөө тең жакшы болчу. Алар эл душманы болсо мен да эл душманымын»,– деп айтып алып, анын азабын аябай тартты. Акыры ал сурак Жоомарттын өзүнө, ата-тегин жашырган, буржуазиялык идеологияны чыгармаларында чагылдырган автор катары каралана баштады. Москвада өтүүчү декадага даярдалып калган «Алтын кыз» спектакли көрсөтүүдөн токтотулуп, автор айтылбастан, жарнамаларда кимдин чыгармасы экендиги жазылбастан «Партизан кызы» аталыш менен коюла баштады. 1937-жылдын май айында «Алтын кыздын» бет ачары болгон, эл дуулдап кабыл алган. Авторду сахнага чакырышканда Жоомарт залдан табылбай калган. Ооба, тагдыр менен атак-даңк канга суусаган талаштан жаралып жаткан кез эле… Кубаныч менен күйүттөн турган бул өмүр Жоомартты кайдан унутсун…

1936-жылы «Элдердин улуу көсөмү, бардык эмгекчилердин атасы жолдош Сталинге Кыргызстандын эмгекчилеринин каты» деген темадагы конкурс болду. Буга катышпаган акын аттуу калган жок. Акыры эң мыкты текст табылды. Ал партиялык уюмдун жогорку органы тарабынан жактырылды жана Советтердин атайын чакырылган съездинде ырасмий текст катары кабыл алынган. 1937-жылдын 26-июнунда Кыргызстан КП(б) БКнын бюросу бул жөнүндө өзүнчө токтом кабыл алат. Анда: «Каттын кыргызча текстинин авторлору Токомбаев менен Бөкөнбаев, ал эми аны иштеп чыгып, орус тилине көркөм которулган текстинин авторлоштору Пенековс кий, Тарловский жана Тыныстанов жолдоштор эсептелсин.

Кыргыз ССРинин Советтеринин 5-съездинде кабыл алынган текст Каттын бардык басылыштарында сакталсын жана ага оңдоолорду киргизүүгө катуу тыюу салынсын», – деп ай тылат.

Суу ордуна кан жуткан репрессия ыйык каттын текстин жараткан акындарды да айыптуу санай баштады. Ушундан-улам бийлик каттын өзүн кайрадан жаздырууга, аны оңдоп-түзөөгө барган жок да, бул боюнча 1937-жылдын 9-ноябрында Кыр гызстан КП(б) БКнын бюросу мындайча чечим чыгарат: «Каттын авторлору эсептелинген Тыныстанов, Токомбаев азыркы кезде эл душмандары катары табылгандыгына жана Бөкөнбаев буржуазиячыл улутчул иретинде партиядан чыгарылгандыгына байланыштуу бул катты орус, кыргыз тилинде тез аранын ичинде кайрадан басып чыгаруу зарыл деп табылсын». Ошону менен бирге ыйык каттын массалык нуска менен басылган мурдагы чыгарылышын толугу менен пайдалануудан алынышын тиешелүү уюмдарга катуу милдеттендирилет. Аталган авторлордун пайдалануудан алынышы ачык айтылган. Иш жүзүндө ошондой болду. Жоомарттын «Алтын кызынын» адам таң каларлык тагдыры – «Партизан кызы» аталып, авторсуз калышына мына ушундай жагдайлар себеп болгон эле. Анын жөнжайы мындайча.

25-октябрда Жоомарт эл душманы, буржуазиячыл улутчул катары табылган да, Кудайдын амири менен аз эле жерден камалбай калган. «Көркөмдүгү жана драматургиялык жактан олуттуу кемчиликтери» табылып, турмуш чындыгы калпыс сүрөттөлүп, саясий бурмалоолорго жол берилгендиги үчүн «Алтын кыз» пьесасын сахналаштырууга катуу тыюу салган БКнын бюросунун ата йын токтому чыккан. Ошону менен бирге Власов менен Ференин музыкасын сактап, театрдын режиссердук бригадасы тарабынан кайрадан түзүлгөн, театрдын бүт коллективи катышып, чыгарманын түп-тамырынан бери кайрадан иштеп чыккан пьесаны «Алтын кыз» эмес, «Партизан кызы» аталышта кайрадан жаңы спектакль катары коюуга уруксат кылынган.

Долу бороон деңизге мүнөз күттүрөт, кебелбес кайраткүч берет. Бороон болбосо деңиздин албуут толкуну аска чапчып, жар уратып чамынбайт эле. Булбул тилиндей, жылдыз маанайындай, жайкы кезде күн ачыкта өткөн таңдай ыр жазган Жоомарт мындайга чыдай алган жок. Тыныстанов менен Жолдошев кеткен, калкына кайра кайтаргыс жолду көз алдына элестетти да, көөдөнүнөн от жанып, көзүнөн жалын чыкты. Эми дүйнөнүн ортосунда күйгөн от болуп, эки дүйнө ортосунан кеткен жолдо ажалдан качкан аркардай элеңдеп да, көктө калган жалгыз жылдыз кейиптенип жалдырап да турду. Канжыга канга боёгон кармаш кааласаң да, каалабасаң да дал ушинтип босого жөөлөп, боор сууруп кирип келди.

Дарыяны канчалык камап буусаң да, артына кайра эч акпайт деген чын экен. Жакын санаалаштардын кеңеши менен республиканын чегинен чыгып, Арыс станциясынан Сталиндин өзүнө 400–450 сомго атайын телеграмма жиберет. Анда республикадагы абал, өзүнүн тагдыры толук түшүндүрүлөт. Ошондо ал борборго кайра келген жок, не бар, не жок, киндик каным тамган Кетмен-Төбөнү бир кыдырып келейин деп эл-жерине кетет.

Борбордук Комитет ошондо издеген экен. Көрсө, Сталиндин атынан телеграмма келиптир. Анда жалпысынан: «Акын Жоомарт Бөкөнбаев партиянын катарында калтырылсын, чыгармачылыгы үчүн ыңгайлуу шарт түзү лүп берилсин» деген көрсөтмө болот. Натыйжада, 1937-жылдын 24-ноябрында Кыргызстан КП(б) БКнын бюросу мындайча токтом чыгарат:

«Баштапкы партиялык уюмдун жана Фрунзе шааркомунун чечими менен Жоомарт Бөкөнбаев буржуазиячыл, улутчул катары партиядан чыгарылган.

Ж. Бөкөнбаев өзүнүн чыгармаларында бир катар са ясий одоно каталарды кетирген, бирок баштапкы партиялык уюм жана Фрунзе шааркому аны партиянын катарынан чыгарууга эч кандай негиздери жок экендигин БКнын бюросу белгилейт. Кыргызстан КП(б) Борбордук Комитети шаарком кетирген каталыкты түзөтүүнүн ордуна Ж. Бөкөнбаевдин авторлугун анын өз чыгармасы болгон «Алтын кыз» пьесасынан алып таштаган жана акындын башка чыгармаларын да пайдаланууга тыюу салууга уруксат берген.

Жоомарт Бөкөнбаев өзүнүн саясий одоно каталарын чын ыкласынан моюнуна алгандыгы жана анын кетирген мүчүлүштүктөрдү оңдоого берген убадасын эске алуу менен БКнын бюросу токтом кылат:

  1. Фрунзе шааркомунун аталган чечими жоюлсун, жол. Жоомарт Бөкөнбаевдин партиялуулугу калыбына келтирилсин.
  2. КП (б) БКнын секретары жол. Кенебаевге Ж. Бөкөнбаевдин бардык чыгармаларын кайрадан карап чыгууга, алардын идеологиялык кемчилиги барларын пайдалануудан алып салуу иши тапшырылсын. Жол. Бөкөнбаевдин ойдогудай иштеши үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп берилсин».

Мындайда Жоомарт тынчыйбы. Борбордук Комитеттегилерге баягыл кайра тартпас кабылан мүнөзүн көрсөтүп, токтомго толук канааттанбай тургандыгын ачык айтты. Ал өзүнүн айтылуу «Алтын кызынын» тагдырын тартынбастан талашты. 1937-жылдын 1-декабрында БКнын бюросу Жоомарттын өтүнүч-талабы боюнча бул маселени карап, атайын токтом чыгарат. Кыргызстан КП (б) БКнын 25-ноябрдагы чечими жоюлсун, Жоомарт Бөкөнбаевдин пьесасынын абалкы «Алтын кыз» аталышы сакталсын деп табат. Эл кулагынан үркүп, үнү угулбаган кул болуп турган мезгилде ал бурганак беттеп учкан куш болуп көрүндү. Бул таң калыштуу да, такыр ойго келбеген Теңир пейилинен жаралган тагдыры эле.

Тынбаган бороон акыр түбү жалгыз талдын жалбырагын жок кылаар деген кийин болду. 1939-жылкы декада Жоомарттын ыры менен башталып, Жоомарттын ыры менен аяктаган. Негизги үч спектаклдин экөө да Жоомарттыкы эле. Бирок ал эч кандай сый-урматка бөлөнгөн жок. Орден да, медаль да буйруган эмес экен, аткан таңдай кубанып барып, баткан күндөй кубарып келди, мүрзөдөй томсоруп келди. Тагдыр кээде атар таңдай сүйкүмдүү да, жыланчаар түндөй капсалаңдуу. Каныңды соруп, жаныңды сууруп алар тагдырың ошондо ага камчы болуп чабылып, турмушун жерге түшүрүп, чагылгандын жарыгындай өмүрүн өлүм менен тең кылып, ыйдын ырын ырдатып туруп алды.

* * *

…Эжигейдей эзилген боордун ысык каны бир токтобой ага берди, ага берди. Ар тамчысы кызыл чок болуп тама берди, тама берди. Күйгөн от болгон бу дүйнө карегинде бир өчүп, анан кайра карегинде өрт болуп жана берди. Асман тилген чагылгандын күзгү сымал жарк эткен көк болот албарс кылычтай жалаңдаган кардай муздак ак жарык көзгө сайыла калып, ошо замат жок болот.

Жоомарттын карегинен нур өчтү. Кара мезгил түн таш түйүндөй түнөрүп, канжар колдун булчуңундай чыңалып, кайып болгон жарыкка жан киргизбей турду. Ушу маалда эки дүйнө ортосунда от болуп жанган Жоомарттын чачынын ар бир талы, таманынын ар бир тамыры ыйлап да, куйкаланып да жаткандай сезилди. Ошо абалга кошулуп алып өзү да ыйлап, өзү да күйүп жатты. Анан ал өзүн кирпик учунда мөлтүрөп турган бир тамчы көз жашка айланып кеткендей туйду да, былк этпестен көз ирмебей туруп калды. Кыймылдаса эле жарык дүйнөсү караңгынын туңгуюгуна кулап кетчүдөй туюлду.

Чоң-Сары-Ойдон Балыкчыны көздөй өлүм менен өмүрдүн ай астын арман, күн астын күйүт кылып, аган абалыч алып, бир машина боздоп-сыздап бозоргон жолдо келатты. «Балыкчыга жетсе экен, Балыкчыга жетсе эле аман калат. Чыдамкай элең чыдагын. Эми бир баатырдык кылып чыдап бер, Жоке»,– деп келатты Аманкул.

Бир убакта бул дагы көк асканын көзүн тешип көктөп турган арча эле. Аны бир күнү ошол аска тамырдан талыта соруп аяктай кургатып, көктөй катырып, күндүн агыш жалынына күйгүзүп отуруп ак боз ташка айланткан арчанын тарамыш бутагындай болгон чагылган өрт болуп күйүп, чок болуп жанып, ок жыландай бир туйлап алып жок болду… Ошо замат Жоомарттын карегине калкылдап баткан бул дүйнө карайгандан карайып барат. Күн көрүнбөй, Күндүн күмүш нур чачкан ак шоокум шооласы караңгылыкка күйүп кетип, анан ал өзүн да көрбөй калды. Жарыкты таппай калды. Жарык жолдо жаткан, жолдо эмес, жол болуп жаткан. Ага күн төшөлүп, ой салынып жылдыз түшүп турган. Бирок Жоомарт аны көргөн эмес. Анткени Жоомарттын бир өмүрү кездешкен эки дүйнөсү биригип калган эле…

Уюгуна амалдуу аңчы киргенин туюп, жортуулунан жол үзүп келе жаткан жуп карышкырдай тең жарыша жулунган дөңгөлөк Боом ичинде алып-учуп аркырап келе жатты. Алдындагы таш төшөлгөн боз жолду ажыдаардай оп тартып жутуп келатты. Эски таардай бозоруп бүткөн октой жол машинанын алдыңкы эки дөңгөлөгүн тура калып кучактап, ага жанталаша оролуп да, түрүлүп да жатты. Аны менен мезгил кошо түрүлүп жатты. Жоомартка мунун кереги да жок эле, басар жолдун аягына, барар жердин босогосуна жеткен. А бул жол, күн төшөлгөн, күйкөнүн канатындай дирилдеген жол күйүткө чыдай албай ажыдаар сымал оп тарткан дөңгөлөктүн оозуна көзгө илинип да, илинбей, октой учуп, шамалдай шашылып кирип жаткан. Өмүр да ушундай экен. Машина артында калган жол балбылдап батып бараткан мала кызыл күндүн нурунан улам күйүттөн күйгөн алоо жалын кызыл өрт болуп көрүнүп турду.

Самсак СТАНАЛИЕВ

ГАПАР АЙТИЕВ

Өмүрүнүн акырына чейин билимин өркүндөтүү, тереңдетүү алегин жазбай иштеген. Россиядагы чоң рельефт ер тууралуу китептердин жана искусство чөйрө сүндөгүлөр барктап окушкан «Матисс», «Павел Кузнецов» деген терең мазмундуу монографиялардын автору, орус ыр түзүлүшүн изилдеп, көркөм адабиятты кылдат окуган Александр Георгиевич Ромм, 30-жылдар дын акырында Кыргыз мамлекеттик сүрөт искусствосунун музейинде директор болуп иштеди. Кыргыздын жасалга-колдонмо өнөрүнөн адистик өнөрүнө чейин алгачкы изилдөөчүлөрдөн болуп, 1941-жылы «Кыргыз ССРинин сүрөт искусствосунун тарыхынын очерки» деген китебин Москвадан чыгарды. Ошол эмгегинде ал Кыргызстандын көркөм жашоосу Автономиялуу республикага айлангандан баштап, өзгөчө жандангандыгын, баарыдан мурда театрда, музыкада, адабиятта улуттук кадрлардын калыптануусу өтө маанилүү окуя болгондугун, акырында биринчи сүрөтчү-кыргыздар өсүп чыккандыгын улуттук руханий изденүүнүн маанилүү жеңиши катары белгилеген.

Кыргыз педагогикалык техникумунда сүрөт сабагынан берген В. Образцов сүрөткө шыктуу кыргыз жаштарынан ийрим уюштуруп: «Ошол ийримден биринчи сүрөтчү-кыргыз Гапар Айтиев чыкты»,– деп жазган. Бирок Гапар Айтиев биринчи деген сөз кыргыздардын ичинен биринчи болуп жебилге кармап, сүрөт тарткандыгы үчүн гана ыйгарылган эмес. Ал кыргыз живопись мектеби деп аталган совет сүрөт искусствосунда таанымал багытты негиздөөгө катышкан анабашыларынан: кыргыз сүрөт өнөрүнүн өзүнчөлүгүн алда кайдан тааныткан, кайсы жердин көргөзмө залына коюлса да бийик идеялык-көркөмдүк касиети менен сүрөт өнөрүн аздектегендердин көңүлдөрүн дароо бурган, экинчи жолугушууда «Айтиев экен» деп, өзү да жазбай таанылган, кыргыз сүрөт өнөрүнүн биринчи классиктеринен; Кыргыз сүрөтчүлөр бирлештигинин чейрек кылымдан ашуун убак башкарган биринчи кыргыз төрагасы, сүрөтчүлөрдүн ичинен СССР сүрөт академиясынын биринчи корреспондент-мүчөсү; Борбордук Азияда аспиранттарды даярдоочу Сүрөт академиясынын биринчи өнөрканасын ачып, өмүрүнүн акырына чейин жетектеген; Республиканын биринчи эл сүрөтчүсү, кыргыз сүрөтчүл өрүнөн биринчи СССР эл сүрөтчүсү; кийин Маданият министрлиги деп аталган Маданият башкармасынын биринчи начальниги; Кыргыз ССР Жогорку Советине согуштан кийинки шайлоодо биринчи депутат болуп шайланып, өмүрүнүн акырына чейин депутат жана Жогорку Советтин Президиумунун председателинин орун басары болуп иштеген; сүрөтчүлөрдөн биринчи Социал исттик Эмгектин Баатыры; кыргыздан чыккан биринчи театр сүрөтчүсү, биринчи росписчи…

Биринчи деген сөздү кошуп, Гапар Айтиевичтин өмүрү жана чыгармачылыгына, коомдук жана мамлекеттик ишмердигине байланыштуу ар түрлүү өтөгөн кызматтарын саноону улантсак, кайран кишинин атуулдук активдүүлүгүнө, талантынын инсандык өндөмдүүлүгүнүн ар түрдүүлүгүнө тан берип, ушундай кыргыздын чыгаан уулу менен замандаш, пикирлеш болгондугуңду тагдырдын белеги деп түшүнөсүң.

Анан калса, досу, замандашы жана кесиптеши Сабырбек Акылбеков экөөнүн тээ отузунчу жылдарда өз өмүрлөрүн сүрөтчүлүккө арнагандыктары граждандык эрдик болгон. Мурда европалык маанидеги адистик өнөрү болбогон элде сүрөтчүлүктү демейдеги малярчылык менен бирдей кароо катардагы жарандар гана эмес, мен билимдүүмүн дегендердин аң-сезимдерин бийлеген мезгил эле. Гапар аке айтып калар эле: «Сүрөтчү болом десем, кээ бир жолдошторум: – Малярчылыгыңа канча чака боёк алып берейин,– деп шылдыңдашчу. Кийин-кийин алардын бекер кылыппыз деп өкүнгөндөрүн айтпа»,– деп.

В.В. Образцов уюштурган ийримде бир топ жаштар кызыгып, сүрөт тартып жүрүштү. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү башка кызматтарды аркалап кетишти. Ал тургай 1934-жылы ачылган Республикалык сүрөт көргөзмөсүнө катышкан Жоломанов, Садаевдер да жакшы эле башталган өнөрлөрүн өксүтүшүп, бири офицерлик, экинчиси педагогдук кесиптери менен өмүрлөрүн өткөрүштү…

Гапар Айтиев 1912-жылы байыркы Ош шаарына жакын Төлөйкөн айылында баани дүйнөгө, бирок өз эмгеги менен элине, мезгилине кызмат өтөп, атын түбөлүккө сактачу жарыкчылыкка келди. Октябрь революциясы жеңбесе, балким, атасы Айтидей көрүнгөн байдын эшигинде малайлык кылар беле, бала күнүндө турмуштун кыйынчылыгын көп тартты. Атасын ээрчип, далай жерди кыдырды. Далай азапка кабылды…

Бирок азаптуу, эптеп курсак тойгузуунун аргасын издеткен, мардикерлик үчүн Айти атасынан калтырбай жер кездирген мезгил табиятынан зээндүү болочок сүрөтчүнүн чокулары асман тиреген тоолордун, көз мелжиген талаалардын, шаркырап аккан суунун улуулугуна да, сулуулугуна да суктануусуна кедерги боло алган жок. Эмнегедир чоподон майда тулкуларды жасап, кагаз, карандаш колуна тие калса, айлана-чөйрөнү сүрөткө түшүрүү жөндөмдүүлүгү ымыркай чагынан эле ойгонду. Ош балдар интернатында окуп жүргөндө китептердин, мугалимдердин, өзгөчө кайсы бир интерьерлерде илинген сүрөттөрдүн жана шаардагы бай архитектуралык эстеликтердин таасирлери балалык фантазиясын ойготту. Кыя лын эргитти. Кийин: «Живописти бала кезимден жакшы көрүп калдым. Мектепте окуп жүрүп, бардык бош убактымды сүрөткө бердим», – деп 1939-жылы газетага жазгандыгынын жөнү ошондон эле.

Гапар Айтиев Фрунзеге келип, педагогикалык техникумга киргенде он жети жашта эле. Бул жерде Түркстан сүрөт окуу жайында А. Исуповдон сабак алып, Пишпекке келген В. Образцов 1927-жылы сүрөт студиясын уюштуруп, ошол биринчи устатынан адамдын жашоосунда искусство биротоло өзүн арнап жашаган өмүрдөгү максатына айланса өмүр бою маңдайына жазылган тагдыры болуп каларын угат. «Владимир Витальев ич Кыргызстанга келип, биротоло сүйүп кабыл алган, анын башкалар байкабаган өзгөчөлүгүн өзүнчө кабыл алган, живописинде өзгөчөлөп чагылдырган сүрөтчү эле. Өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөбөй, шаардын үч-төрт жеринде студия, ийримдерди уюштуруп, сүрөткө шыктууларды издеп таап, сүрөт өнөрүнүн жашырын сырларын аларга ачып берүүгө далалаттанчу. Сүрөт тарткандар, өзгөчө ага кызыккан жергиликтүү улуттун балдары арбыса деп аракеттенчү. Дүйнөлүк жаңы орус сүрөт өнөрүнүн улуу өкүлдөрү, алардын чыгармалары сакталган атактуу музейлер тууралуу сөз кылганда, сүрөт тартуу процессиндеги коюлган натюрмортторду же жаратылыш менен бетмебет этюд жазуу учурундагы чыгармачылык түйшүктөр укмуштуудай ырахаттанууну пайда кылчу. Образцов биздин кагазга же картонго тартылган сүрөттөрүбүзгө талдоо жүргүзгөн сайын менин акыл-эсиме сүрөтчүлүк теңдешсиз кесип экен го деген ой улам бекемделе берди. Владимир Витальевич мага живопистүү этюд маданиятын, натураны иликтөө жана ага карата активдүү сүрөткерлик мамилени үйрөттү», – деп өзүнүн сүрөтчүлүк шыгынын ачылышын дайыма окутуучусун эскерүүдөн баштар эле.

Гапар Айтиев педагогикалык техникумду бүтүргөндөн кийин Жалал-Абадда коом таануу жана тарых сабагын берүү менен эмгек жолун баштайт. Ошол жерде сүрөт өнөрүнө дилгир, кыргыз искусствосунун дагы бир болочок классиги Сабырбек Мамбетсадыкович Акылбеков менен жолугушат. Экөөнүн ортосундагы пикир алышуулар, ички максаттарынын жалпылыгы, бош убактыларында этюдга бирге чыгышып, өз ара ал кездеги түшүнүктөрүнө жараша пикирлешүү, жазгандарын талкуулашуу бир эсе алардын бири-биринен таасирленип, кызыгып иштөөлөрүн күчөтсө, бир эсе адис сүрөтчүлөр арасында болуу муктаждыктарын, ынтызарлыктарын арттырды. Көп узабай экөө тең кадимкидей ар тараптуу маданий борборго айлана баштаган Фрунзеге келишти.

Албетте, Гапар Айтиев ордо шаарга келгенде дароо живописке өзүн толук багыттай алган жок. Ал ыр да жазып көрдү. Анын үстүнө «Кыргызстан пионери» гезитине жооптуу редактор болуп дайындалды. Бирок агылга боло калса эле акварель, май боёктору менен этюд тартуу адатын эч таштабады. Устаты В. Образцовдун сүрөтчүлүктү эч таштаба деген кеңеши, өзгөчө кыргыз живопись мектебинин негиздөөчү С. А. Чуйковд ун кызыктуу аңгемелери, 1934-жылы биринчи республикалык көргөзмөгө катышуусу, 1935-жылы Жазуучулар союзунун атайын жолдомосу менен Москвадагы 1905-жылдын эстелигиндеги Сүрөт окуу жайына кириши Айтиевге биротоло өзүн сүрөт өнөрүнө арноого түрткү да, шарт да болуп берди.

Өзгөчө Москва, Ленинграддагы атактуу музейлерде болуу, искусство тарыхы жана улуу сүрөтчүлөр тууралуу лекцияларды, аңгемелерди угуу, ар кандай көргөзмөлөрдөн улам уюштурулган талкууларга, дискуссияларга катышуу Айтиевдин илим, билим жана маданий чөйрөсүн кеңейтүү менен чыгармачылыгына жагымдуу таасирлер тийгизди. Кылымдардан-кылымга жашап келген элдик жасалга-колдонмо өнөрүнүн салттарына мурдагы учуруна салыштырганда башкача көз менен карай баштады. 1936–1937-жылдары жайында айылына келгенде балалык кездеги учурларын, элинин басып өткөн жолун акылэсинде кайрадан калыбына келтирүүгө аракеттенди. Тооталааларды кыдырып, этюддарды жазды. Элдин күнүмдүк турмушун, адамдар урунган буюм-тайымдарды боёк менен да, карандаш менен да кагазга, картонго, боз кендирдин бетине түшүрдү. Демейдеги кыргыздын жашоосу башкача бир өзгөчөлүктөрү менен көз алдына тартыла баштады.

Анан калса 30-жылдарда мурда адистик сүрөт өнөрү өнүкпөгөн элдердин искусствосу кандай жол менен, кайсы багытта өсүп-өнүгүш керек? – деген көйгөй маселенин тегерегинде талаш-тартыштар да жүрүп жаткан. Өзгөчө элдик өнөрдүн салттарын адистик негизде улантууга арзыйбы? – деген суроо практиктерди да, теоретиктерди да ойлондурган. Бирок Г. Айт иев үчүн андай маселелерди чечүү же суроолорго жооп табуунун жол-жоболору В. Образцовдун студиясында жүргөндө, С. Чуйков менен алгач аңгемелешкенде эле аныкталган болчу. Ошондуктан, Ошто жүргөндө чогулткан сүрөт материалдары кийин театрда иштөө мезгилине аябагандай көмөк көргөздү. Ал эми студиядан, сүрөт окуу жайынан алган сабактары адамдын ички дүйнөсүн, кыргыз жаратылышынын өзгөчөлүгүн, башка жерлерден айырмаланган кооздугун ачууга зор өбөлгө түздү. Буга мисал, ачык-айрым түстөр менен жазылган дунган кызынын портрети болуп эсептелет.

Кийин чыгармачылыгынан басымдуу орунду ээлеген пейзажга да, портретке да олуттуу көңүл буруусу 30-жылдардын башында эле башталган. Өзгөчө сюжеттик багытта картина жазуу, портреттерди жаратуу аракети кыргыз элинин өткөндөгү тарыхына, жаңы доордун адамдарынын руханий дүйнөсүнө ой жүгүрткөн чыгармаларынан көрүнөт. Азыркы учурда Улуттук сүрөт музейинин экспозициясынан орун алган «Түштүк мектеп кызы», «Колхоз катчысы Имангазы» аттуу иштеринде жаңы адамдын образы түстүү декоративдик мүнөздө, бири-бирине жакындаштырылган боёкторду пайдалануу менен көрүнүш шарт туу жөндөлгөн.

1936-жылы тартылган «Байга батыракчылык кылуу» деген картинасы сүрөтчүнүн алгачкы композиция куруудагы чыгармачылык тажрыйбаларынан болуп саналат. Картинанын жазылыш ыгы ач-жылаңач кембагалды жана атына чирене минген семиз байды бири-бирине карамакаршы коюуга, көбүнесе сырткы белгилер менен чечилген. Бирок кантсе да бир кезде өз көзү менен көрүп, күбө болгон турмуш чындыгын берүүгө умтулуу аракети ордуна түзүк эле чыккан. Өзгөчө «Колхозчулардын эс алуусу» деген ат менен тартылган эки композиц иясы жана бир ка тар пейзаждык этюддары сүрөтчүнүн өз окутууч уларынан алган сабактарын мыкты өздөштүрүп, адистик жактан өз жолун таба баштагандыгын айгинелеген.

Гапар Айтиевдин Москвадан окуган кезинде Н. Крымов менен П. Петровичевден алган сабактары анын сүрөтчү катары өз жолун табуусуна зор өбөлгө түзөт. 30-жылдар ар бир сүрөтчүнүн жеке адис катары калыптануусунун гана мезгили болбостон, кыргыз живопистик мектеби деп аталган совет искусствосундагы өзүнчө бөтөнчөлүгү бар багыттын калыптануусунун учуру болду. Бир сүрөтчү, мисалы Чуйков, канчалык таланттуу болсо да, жаңыдан өнүгө баштаган кыргыз сүрөт өнөрүнүн калыптануу түйшүгүнө жараша күн тартибине өзү менен бирге алып чыккан милдеттерди жалгыздап чече албайт эле. Албетте, Чуйков көп изденүүлөрдөн, чыгармачылык «убаракерчиликтен» кийин бала күнүндө тарткан этюддары аркылуу өз жолун тапты. Айтиевдин сүрөтчүлүктө жолун табууга окутуучулары, Образцов, Крымов жана Петровичевге окшогон устаттары көмөк көргөзүштү. Анан калса Москвадагы, Ленинграддагы сүрөт музейлеринен көргөндөрүн адис катары акыл элегинен, аң-сезиминен өткөрүп, чыгармачылык менен өздөштүрүш үчүн окуунун зарылчылыгы болочоктогу кыргыз сүрөтчүсүнө сезилип турган. Дал ошондой шарт та Гапар Айтиевичтин окутуучулары анын табигый шыгын ачууга мүмкүнчүлүк түзө турган жолду тандап бергендей болушту.

Николай Петрович Крымовдун өзүнүн чыгармачылык жолунун калыптануусу да далай машакаттуу карама-каршылыктуу изденүүлөрдөн улам ордуна келген. Акырында жөнөкөй, жупуну жаратылыш көрүнүштөрүнөн түзү лүштөрү тең салмактуу, тондордун ички карым-катнаштарынын бири-бирине кылдат өтүүсүн чоң чеберчилик менен берген чыгармаларын жараткан. Ал: «Живопись – бул көрүнүп турган материалды тон кошуп, түс менен бере билүү»,– деп айткан. Тонго таянып этюд жазуу, анын табиятын так өздөштүрүү менен түскө өтүү живопистин негизги элементтерин сезимтал пайдалануу жөнд өмдүүлүгүн өстүргөн. Бирок сүрөтчүлүк үчүн көргөнд өрдөн, окугандардан башка теориялык чөйрөнү кеңейтүүнүн, чыгармачылык өз алдынчалыкка жетүүнүн негизги шарты натураны изилдөө, аны үйрөнүү, анын ар тараптуу өзгөчөлүктөрүнө активдүү мамиле кылуу болуп саналат. Ошондуктан сүрөтчү дайыма талыкпай, ырааттуу иштөөнү өзүнө көндүм өнөкөт кылып алыш керек. Гапар Айтиев колуна жебилге алган күндөн өмүрүнүн акырына чейин кандай коомдук жана мамлекеттик кызматтарды аткарбасын этюд жазуу, күнүгө төрт сааттан кем эмес убактысын өнөрканасында өткөрүү адатынан өмүрүнүн акырына чейин эч жазган эмес.

Гапар Айтиевдеги мен баамдаган бир чоң артыкчылык, ал канчалык сүрөт өнөрүнүн өзү умтулган бийиктиктерин албасын, ошончолук өзүн улуулардан, дүйнө чындыгынан талыкпай үйрөнгөн окуучу катары сезчү. Дамамат сүрөт өнөрүнүн табиятына, дүйнөдөгү ар түркүн сүрөтчүлөрдүн чыгармаларына, көркөмдүккө байланыштуу көйгөйлөрдүн чыгыш себептерине ой жүгүртүү менен: «Кызык, дүйнөлүк искусствонун тарыхында азыр биз өзүбүзгө үлгү тарткан сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын өз учурунда дароо баалашпай, мезгил элегинен өткөндөн кийин гана «мыкты», «улуу» деген эпитеттерди тагышат. Өз учурунда аттарын көкөлөткөндөрдүн ысымдары барган сайын өчүп бараткан шамдай улам күңүрттөнө берет. Тарыхтын сынынан өткөн чыгарма кантип жаралат? Жакшысы кайсы, начары кайсы күндөлүк ишибизде оңой менен ажырата албайбыз. Мындай чыгармачылык күйгүлтүктү бардык эле сүрөтчү башынан өткөрөбү же жокпу?» деген сыяктуу суроолорду өзүнө да, өзү менен дидарлашкандарга берет. Ал тургай ысмы атпай журтка таанымал болуп калгандыгына карабай, кээде: «Чын эле өз жолумду таптымбы?» деген суроону да берип алчу. Анан калса 30-жылда В. Образцовдун таасири менен түсү жана формасы боюнча шарттуу, байкатпай туруп элдик өнөрдүн табиятына жакын жазылган чыгармалары декоративдүүлүктөрү менен айрымаланса, Крымов тондордун айырмасын кадиксиз сезүү гана сүрөтчүгө мыкты картина жаратууга өбөлгө түзөрүн шакирттерине эчен курдай үл гүлөп көрсөткөн. Ошол эле учурда Петровичев боёктордун кадимки табигый өңдөрүн бузбай, быдырлап жазуу ыкмасы элдик өнөрдүн табиятына жакын турган. Мына ушул эки багыттын кайсынысын тандап алуу керектигин 30-жылдардын экинчи жарымындагы жана кыркынчы жылдардын башындагы жазган этюд-пейзаждары жана портреттери аркылуу биротоло чечти. Сөздүн ыгы келгенде алдын ала айта кет ээрибиз, «Ысык-Көлдөгү кайык», «Боз үйлөр» 1940-жылы жазган этюддары Гапар Айтиевдин жаратылыш менен бетме-бет отуруп тартып, композициялык курулушу, түстөрүнүн териштирилиши жагынан биротоло иштелип бүткөн чакан иштеринин сериясын жазууга, ошондой эле жаратылыштын ар түркүн абалдарын жана мотивдерин пайдалануу менен көңүлдү көтөрүп, ойду алда канча түрлөнткөн, кыялды кытыгылаган, бирок акырында көрүүчүнү олуттуулукка чакырган пейзаж-картиналарды жаратуусуна шыпаалык милдетти аткарды. Живопис тик өнөрдүн бермет тери болгон чакан иштери жан  дүйнөнү козгогон шедеврлер болсо, чоң пейзаж-картиналары олуттуу философиялык жалпылаштыруунун бийик үлгүсү болуп саналат. Ал иштери сүрөтчүнүн чыгармаларынын юбилейлик көргөзмөсүнө илинип, Гапар Айтиевдин улуу жебилге чебери экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Гапар Айтиевдин адамдын сырткы жана ички дүйнөсүнө кызыгуусу 30-жылдардагы чыгармаларынан дээрлик байкалса, акырындап адамды курчаган чөйрө менен табигый карым-катнаштыгы, кесиптин жана эмгектин адамга тийгизген таасирин көргөзүүгө умтулуусу арбый баштайт. Сүрөтчү портретте же тематикалык мүнөздөгү картиналарда иштейби, адамды курчаган чөйрөгө ылай ык каармандардын руханий дүйнөлөрүнүн кыймылдары ачылат. Алар кадимкидей көрүнүштү же каармандарды адистик мүнөздөмөлөөнүн үлгүсүн берет. Сүрөтчү С. Акылбеков, акын А. Осмоновдун портреттери менен «Колхозчулардын эс алуусу» композициясында пейзаждарындагыдай эле композициялык, колориттик ички ыкташтыктын белгилери көрүнө баштайт.

Сүрөт окуу жайын аяктар менен Г. Айтиев Кыргыз мамлекеттик музыкалык-драма театрында сүрөтчү болуп иштейт. Анын театр сүрөтчүсү катары чыгармачылык таржымалында «Алтын кыз» музыкалуу драмасы, «Токтогул» операсы тизмеленет. Наяты үч жылга толуп-толбогон убакта иштеген театр сүрөтчүлүгү ага эмне берди? Жаңыдан калыптана баштаган театр өнөрүнүн улуттук багытын белгилегендердин бири деген жыйынтык менен чектелебизби? Баарыдан мурда театр адабий жана музыкалык материалдардын мүнөздөрүнө жараша сахнадагы окуялардын өзгөчөлүгүн ача турган, каармандардын жеке мүнөздөмөлөрүнө көмөк көргөзүүчү деталдарды, көркөм каражаттарды пайдалануу зарылчылыгын чектеп пайдалануу керектигин түшүндү.

Ата Мекендик согуш башталар замат колуна курал алып, ротанын командири катары кызыл кыргында жүрүп, 1943-жылы келген Гапар Айтиевдин алдында жебилге менен иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү гана эмес, кадимки картина тартуучу сүрөтчү катары иштөөгө ык алуу зарылчылыгы турду. Ал кайрадан жаратылыш менен бетме-бет туруп, этюддарды жаза баштады. Согуш элге кандай кыйынчылыктарды алып келип жаткандыгын көрдү. Кары-картаң, жаш балдар, аялдар түйшүк тартып, замандын оордугу адамдарды ого бетер ынтымакташтырып, бириктирип жаткандыгын баамд ады. Жаратылыштын абалын да адамдардын маанайлары аркылуу көрдү. Буга анын 1943-жылы жазылган «Фронттон кат» аттуу картинасы ачык мисал боло алат.

Жогоруда белгилегендей, аталган картина үч жыл театрда иштеп, үч жыл согушта жүрүп келип, станковый өнөрдү кайрадан «өздөштүрүү» этабын баштан кечирүү мезгилинде жазылган. Ошондуктан сүрөттөгү адамдардын ички руханий карым-катнаштарында кандайдыр бир коошпогондук, картинанын жалпы чечилишинде чоң ишти баштар алдындагыдай тартынчаактыктын кээри сезилсе да жалпысынан элдин оор абалын, алардын жакшылык жышаанын күтүү сезимдерин эң кылдат сүрөттөгөн.

Картинада демейдеги эле турмуштук көрүнүшкө кара ганда жаратылыш басымдуу роль ойнойт да, адам жаратылыштын ансыз деле кооз көрүнүшүн ого бетер бай ыткан ажырагыс бөлүгүнө айланат.

40-жылдардын экинчи жарымы Гапар Айтиев үчүн дыкаттык менен изденүүнүн жана өз жолун, чыгармачылык багытын табуунун жылдары болду. Өзгөчө 1946-жылы «Манас» эпосун иллюстрациялоого карата чакыртылган орустун улуу сүрөтчүсү В.А. Фаворский менен жолугушуу, композициянын теориясы боюнча анын лекцияларын угуу, аны менен республикабыздын бир катар жерлеринде чыгармачылык командировкада болуу унутулгус таасир калтырды. Сүрөтчүлөр союзунда өткөргөн аңгемелешүүлөрүнөн башка жазылган этюддарды аз суутп ай талкуулоо, ошол учурлардагы улуу чеберден Айтиев тандап алган жолдун тууралыгын айныксыз далилдер менен айткан пикирлери өзү тандап алган жолдун тууралыгына терең ишеним жаратты. Н. Крымовдон алган таалимдери ага чыгармачылык өбөлгө берерине биротоло көзү жетип, ушул багытта активдүү иштей баштады. Анан калса кыргыз сүрөтчүлөрү согуштан кийин дээрлик өз алдыларынча этюд жазууну өнөкөткө айландырып алгансышкан. «Дегеле айтып коюш керек, – деп жазылган бир кезде, – алгач мыйзамдуу болгон окуучулук мезгил бир топко созулуп кетти. Бир ойго баш ийдирилбеген Кыргызстандын сүрөтчүлөрү этюдда көпкө отуруп калышты, кээ бир сүрөтчүлөрдө этюд ар качан өзү менен өзү болуу тар максатына айланды». Бирок этюдду аздектөө сүрөтчүлүк үчүн дүйнө чындыгын активдүү өздөштүрүү, натураны үйрөнүү менен чоң композициялык полотно жаратуунун жолу эле. Ал эми Айтиев үчүн этюд жазуу чыгарма жаратууда Крымовдук усулду өздөштүрүүнүн маанилүү каражаты катары түстөрдүн ички жакындыктарына, карым-катнаштарына, өзгөчө кеңдикти жарыктандырууга көңүл буруусуна өбөлгө болуп берди. Анын «Түштүктүн бөксө тоолору», «Урандылар», «Жумгал өрөөнү», «Боз үйлөр» жана башка көптөгөн этюддарындагы ички маани, живопистик сапат өзгөчө Айтиевдик сүрөткерлик касиет и ачык байкал ып турат. Алар бир же бир нече сеанстарда жазылганбы, автордун дүйнөгө көз карашынын олуттуулугун, жөнөкөй көрүн үштөн маанилүү жалпылаштырууга көтөрүлгөнүн айгинелейт. Акырындап түстөрдүн закондуулугуна, кө рүнүштүн ачык-айкындыгына жетишет, көлөмүнүн кичинелигине карабастан натурадан тикедентике тартып жатканда иштелип бүткөн, алгачкы таасирин сактаган чакан картиналардын сериясы деген татыктуу чыгармаларды жаратты.

Гапар Айтиев орус искусствосунун салттарын улантып, орус сүрөтчүлөрүнөн сабак алса да, кыргыздын руханий маданиятынын мыкты жол-жоболорун, өзгөчө кыргызга мүнөздүү дүйнө чындыгын кабыл алуу жана түстөрдү өздөштүрүү, элдик жасалга-колдонмо өнөрүндөгү ички ыргак, тең салмактуулукту улуттук нагыз композициялык ой жүгүртүү катары түшүнүү менен кыргыз дүйнөсүн чыгармаларында кеңири, терең жана ар тараптуу чагылдырууга жетишти. Бекеринен 1946-жылы С.А. Чуйков Айтиевдин «Фронттон каты» тууралуу: «Башка эч бир республикада мындай картина пайда болушу мүмкүн эмес эле»,– деп бекеринен «Искусство» журналына 1976-жылы айткан эмес.

Кыргыздын илгертеден келе жаткан көлөм, түс, кеңдик тууралуу ой жүгүртүүлөрү, түшүнүктөрү аны курчап турган дүйнө чындыгы менен калыптанган. Согуштан келгенден кийин Тоң районунда жүрүп айылды, тоо-ташты аралап, мурдагыдан да эл менен жердин биримдигин, жаратылыштын адам колунан жаралган жана табигый бөтөнчөлүктөрүн бир башкача кабыл алды. Балбал таштар, боз үйлөр тоолорго кандай жарашса адам басса-турса, отурса, жатса да чөлкөмгө эриш-аркак кыймыл-аракетти жасап, бой келбетин айлана-чөйрөдөн айрып алгыстай көрүндү. Ошондон улам го, тизесине эки колун таяп, катты кунт коюп уккан кемпирдин, калпагын ала жамбаштай калган, эки колун эки тизесине таштаган абышкалардын баштанаяк кыймылдарында кыргызга гана мүнөздүү белгилер бар. Анан калса адам маанайы менен жаратылыштын абалы бири-бирине бап келип турушкандай.

Гапар Айтиев Ысык-Көлдөн кийин туулуп өскөн жергеси Ошко барды. «Түштүктө пахта терүү» (1944) деген ишин ошондо жаратты. Картинада түштүктүн жаратылышынын жана пахта терүүгө байланыштуу жашоо ыргагынын мүнөздүү белгилери чагылдырылган. Согуш бүткөндөн тарта сүрөтчү республиканын ар тарабына барып «Урандылар» (1945), «Түштүктөгү дөңсөө тоолор», «Төмөнкү Жумгал» жана «Жумгал өрөөнүндө» (1949) деген чакан иштерин жаратып, анын жаратылыш менен бетме-бет отуруп бүтүргөн чакан картинкалардын чебери, жаратылыштын кооздугун гана эмес, көз ачып жумганча өзгөрүп, алмашып туруучу түбөлүктүүлүк менен убактылуулуктун карым-катнашына ой жүгүрткөн акын-лирик катары көрүнө баштады. Кийинчерээк бул багыт чоң полотнолорунда тереңдетилди. Философиялык ойлоо нун бийиктиги катары кыргыз сүрөт өнөрүнөн орун алат.

Гапар Айтиевдин «Фронттон кат» картинасы көптөгөн кыргыз сүрөтчүлөрү тематикалык композиция жаратууга алигече даяр эмес мезгилде биринчи болуп жазылганын эске түшүрсөк, согуштан кийин «Колхоз короосу» (1946), «Пахта талаасында» (1947) деген иштеринде бала күнүнөн өзүнө жакын жердин пейзажын, адамдардагы ойчул да, ачык да маанайды бүтүндөй чыгарманын курулушу аркылуу бере алды. Демейдеги адам анчалык элес албаган көрүнүштөн поэзия жаратуу сүрөткерликтин ойлоно да, көрө да билүү жөндөмдүүлүгүнө байла нышкан.

Өзгөчө чакан пейзаждарында сырткы дүйнөнүн көп жактуулугун бир бүтүндүүлүккө уюштура билүү жөндөмдүүлүгү жаратылыштан тандап алган мотив аркылуу чоң ойду билдирчү картиналарды жазууга руханий даярдык жүрүп жаткандыгын сездирип турду. Андан калса, согуш мезгилинен кийин «актуалдуу» темага жамынып алып, идеялык-көркөмдүгү төмөн чыгармаларды жазуу улам барган сайын арбый берди. Тигини же муну чагылдырыш керек, турмуш чындыгын так көргөзүш керек деген сыяктуу партиялык көргөзмөлөр сүрөтчүлөрдүн изденүү демилгелерин чектеп, чыгармаларды баалоо да «формалисттик ык көрүнүп турат», «импрессионисттик манерада жазуунун рецидиви байкалат» деген сыяктуу эскертүүлөр улам айтылып да, жазылып, кайталанып жатты. Ушундай шартта Гапар Айтиев тематикалык картиналарды жазуу «милдетинен» кутулуп коюу үчүн эмнени кандайча тартуу керектиги туурасында толгонду. Ошондой эле сүрөтчү көңүлдөгүсүн берүү үчүн пейзаж менен портрет идеологиясы чектөөлөрдөн чыгуу га мүмкүнчүлүк берерине көзү жетип турду.

Гапар Айтиев пейзаждын адамдын ички дүйнөсүн ачуу га, ал тургай коомдук өсүп-өнүгүшкө жараша ар кыл маанайды чагылдырууга, элдин улуулугун ал мекендеген жердин кайталангыс образы аркылуу көрсөтөргө мүмкүнчүлүгү кеңдигин түшүнө баштагандан картиналарында адамдын образын да айлана-чөйрөнүн артыкчылыгына эриш-аркак байланыштырып чечти. Же болбосо курчап турган чөйрө адамдын психологиясына да, сырткы кыймыл-аракетинин пластикасына да таасир этет. «Сазда» (1954), «Жүзүм бакчасында» (1957), «Тоодогу кеч» (1958), «Кыштак четинде» (1959), «Жалт-жулт эткен көл» (1960) жана башка иштеринде баштооч орун пейзажга мүнөздүү.

Албетте, живописчи 50-жылдарда сүрөтчүлөргө берилген жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай калбайт эле. Бул кезде Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын жаңы имаратынын курулушуна байланыштуу имаратты жасалгалоочу топту жетектеди. В. Вейс, В.Тюриндер менен бирге көрүүчүлөр залынын плафонун, ошондой эле бир катар орнаменттик, декоративдик композицияларды аткарды. 1956-жылы Т. Сатылгановдун эстелигине конкурс жарыялаганда анын түзгөн дол боору мыкты деп табылды. «Чолпон-Атадагы кеч» (1952), «Чак түш» (1954), «Акындар» (1956–1957), Ж.Кожахметов менен бирдикте «Жүзүм бакчасында» (1957), «Тоодогу кеч» жана «А. Малдыб аевдин портрети» (1958), «Кыштак четинде» (1959) сыяктуу мыкты картиналарын жана көптөгөн этюддарды тартты. Өзгөчө, Польшага барып, бир өлкөнүн ичинде ар түрдүү багыттагы сүрөтчүлөрдү даярдоо мектептеринин окуу иштери менен таанышуусунан, ага кошумча сүрөт өнөрү боюнча атайын жогорку билим алып келе баштагандардан улам өз чыгармачылыгынын өткөн учурларына, мындан ары кандай жол менен иштөө керектигин ойлоно баштады.

Польшага барып келгенден кийин ал өлкөдө болочок сүрөтчүлөрдү даярдоочу үч мектепте болгондугун, өздөрүн абстракционист-сүрөтчүлүккө арналгандар да натюрмортторду да, тулкуларды да өтө кылдаттык менен иликтеп тарта тургандыктарын, алардан: «Абстракционисттерге реалдуу форманы анчалык дыкаттык менен үйрөнүүнүн кандай зарылчылыгы бар?» деген суроого эркин чыгармачылык үчүн реалдуулукту негиздүү үйрөнүш керек деп, жооп бергендиктерин бөтөнчө белгилеп айтар эле.

Жогорку билим алып келишкен биринчи кыргыздар да орус тун реалисттик сүрөт өнөрүнүн салттарын, жол-жоболорун бекем кармаган атактуу институттун академиялык багытын бекем кармашкан.

Гапар Айтиев эл аралык маданий байланыштардын улам чыңдалышынан, башка жактардан окуп келгендер өздөрү менен кошо жаңылыктарды алып келе жаткандыктарынан улам таасирленүүлөрдүн да, изденүүлөрдүн да канат-бутактары кенен жайыларын сезип, өзүнө башкача талаптарды коё баштады. Табиятынан сезимтал сүрөтчү мурдагы «Колхоз катчысы Имангазы», «Алыкул Осмонов», «Сабырбек Акылбеков», «Муса Баетов», «Акындар» сыяктуу портреттик үзүрлөрүнө, «Фронттон кат», «Колхоз короосу», «Жайлоодогу чак түш», «ЧолпонАтадагы кеч» жана башка картиналарында кандайдыр бир деңгээлде конкреттүү көрүнүштүн тегерегинде ой жүгүртсө, 60-жылдарда адам менен жердин карым-катнашынын башкача мүнөздө ой жүгүртүү керектигин сезе баштады.

60-жылдарда адамдын космоско көтөрүлүүсү Жерге карата түшүнүктү өзгөрттү. Жер күнүмдүк жашоонун чөйрөсү, белгилүү өлчөмдө учу-кыйырсыз мейкиндиктей кабыл алынбай, ааламдын чектелүү бөлүгү катары акыл назарына тартыла баштады. Демек, жерге деген сүйүүнүн, ыкластын да мазмуну өзгөрдү.

Башынан жаратылыш менен бетме-бет тарткан этюддарында конкреттүү көрүнүштүн мүнөздөмөсүнө өзүнүн сүрөткерлик активдүү мамилесин, ыкласын кошуу менен адам ошол көрүнүштүн ажырагыс бөлүгү экендигин берсе, андан ары сүрөтчүнү жаратылыштын ар кандай абалындагы ички курч абал тынчын алган сыяктанат. Ал өзүнүн басып өткөн жолун кайрадан көз алдынан өткөрөт, ар бир кадамын иликтейт. Ар кандай багыттагы сүрөтчүлөрдүн тажрыйбаларына кайрылат. Анан калса дүйнөдөгү тез өсүп, бирин акыл элегинен өткөрүп үлгүргөнчө экинчиси дароо пайда боло калган окуялар бүтүндөй жер жүзүнө да, жеке адамдын руханий дүйн өсүндө да күтпөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүсү анын өтө ийкемдүү акыл-сезимине таасирлентип турду.

60–70-жылдарда Айтиев, негизинен, портретте жана пейзажда өз замандаштарынын образдары (Ч. Иманкулов, А. Бекбоева, Х. Карасаев жана башкалардын портреттери) аркылуу конкреттүү каармандардын ички дүйнөлөрүн ачуу жана жаратылышты, анын ар түркүн формалары менен түстөрүнүн карым-катнаштарын иликтөө, конкреттүү көрүнүш жалпы белгилерди түшүнүүдө кандай мааниге ээ экендигине ой жүгүртүү менен көркөмдүктүн, кооздуктун табиятына тереңдеп кирүү аракети жашоонун мыйзамын кылдат баамдоосуна өбөлгө түзөт.

60-жылдарда Айтиев пейзаж өнөрүнүн дасыккан чебери катары чыгармачылык жүзү биротоло калыптанды. Бирок ал мурдагы табылгаларынан биротоло кол үзүп койгон жок. Ал гана эмес кийинки чыгармачылык жетишкендиктери 40–50-жылдардагы чакан сүрөттөрүнө мүнөздүү белгилерге таянуу, көркөм табылгаларын кайрадан карап чыгып, маанилик касиеттерин тереңдетүүгө негизделди. Бирок мындан түстөрдү жана композициялык уюштуруу ыктарын түшүнүүдө алгачкы жол-жобосуна кайрадан кайрылуу деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Ал тургай мурда жүзөгө ашыра албай калган эстетикалык программасынын эми өтөсүнө чыкты деш да туура эмес. Сүрөтчү мурдагы табылгаларын карап чыгып, мурда тикеден-тике дүйнө чындыгы менен беттешип, ошол таасирди ча гылдырса, кийин кандайдыр ал чындыкты окчундап карап, жаратылыштын көп кырдуу, татаал, карама-каршылык касиет терин, абалдарын, формаларын олуттуу мүнөздө берүүгө жетишет. Ошондуктан «Жалт-жулт эткен көл» (1960), «Чүйдөгү күз» (1968), «Совхоздун чети» (1966), «Түштүктөгү кеч» (1966–1967), «Таң эртең тоодо» (1968), «Тоо мейкиндиги» (1969), «Керметоо» (1969), «Тоолор» (1971), «Кечки тынчтык» (1974), «Ысык-Көл көгүш тарта» (1977) жана башка пейзаждык картиналары көргөн адамга эстетикалык ырахаттануу жаратуу менен, көрүнүштүн кеңдигине да, чектелүүлүгүнө да, түшнүктүүлүгүнө да, өз ичине көп сыр каткан түшүнүк сүз дүгүнө да ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушул касиет Айтиевдин чыгармаларындагы улам кийинки муун өзүнчө кабыл алчу эстетикалык энергиянын эч бүтпөс булагы болуп саналат.

Гапар Айтиевдин пейзаждарында кыргыз сүрөт өнөрүнө мүнөздүү адам менен табияттын бирин бири ажарлаган би римдиги, дүйнөлүк сүрөт ошолордогу адамдык касиетти жаратылыш аркылуу даңазалоо менен картинанын социалдык маңызы даана сезилип турат. Айт иев дүйнөлүк сүрөт өнөрүнүн мыкты салттарын да, өз алдынчалыкка ээ кыргыз сүрөт өнөрүндөгү өкүмдүү тажрыйбаларды да өз сезиминен өткөрүп, дем алуу менен түйшүктү, чөгөөттүк менен изгиликти, убактылуулук менен түбөлүктүүлүктү, өлүм менен өмүрдү көңүлүңдө сызылгандай, кандайдыр ички түйшүккө жеткиргендей абалды берет.

Гапар Айтиевдин чыгармалары Кыргыз улуттук музейинен башка Москвадагы Третьяков галереясында, Чыгыш элдеринин маданиятынын мамлекеттик музей инде, башка жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн музейлеринен орун алган.

Өз учурунда советтик пейзаждын даңктуу чеберлеринин бири катары таанылган Айтиевдин 90 жылдыгына карата анын иштерин кайрадан карап чыгып, музейдеги чыгармаларынын экспозициясын жаңыртып жана кеңейтип, улуу жебилге чебери кыргыз сүрөт өнөрү үчүн гана эмес, дүйнөлүк сүрөт өнөрүнүн ХХ кылымдагы тарыхына өчпөс из калтырып кеткендигин баамдадык.

Гапар Айтиев өмүрүнүн акырында өтө катуу ооруга чалдыкса да, өзү кармай албай калган жебилгесин домин окуу чуларына, шакирттерине өткөрүп берүү ынтаасы менен жашады. Араң басып, араң турса да, күндө бир маал алардын өнөрканаларын кыдырып, сүрөткерлик жана атуулдук активдүүлүгүн азга да кемиткен жок. Акырында СССР сүрөт академиясынын сессиясына жана өзүнүн чыгармалары да илинчү академиктердин көргөзмөсүнө катышуу үчүн Москвага бара жатканда Үфө шаарында набыт болду. Гапар Айтиевди билгендер, аны менен дидарлашкандар жүз жылда араң жаралчу улуу адамдын замандашы болгондуктарына дайыма сыймыктанышат.

Сарман АСАНБЕКОВ

МУРАТБЕК РЫСКУЛОВ

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн жылы «Атанын тагдыры» деген пьесаны бүтүп, Маданият министрлигине тапшырдым. Эки жылдан ки йин 1960-жылдын 3-сентябрынан тартып, Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюла баштады.

Жумасына экиден, үчтөн коюлат. Көрсө, бул өтө көп экен. Көп экенин анда элес деле алган эмесмин. Же ал кезде театрга эл ошондой көп келчүбү? Андай дейин десем, ошо жылдары деле бирин-экин гана коюлуп, сахнадан түшүп калган спектакл дер болчу. Айтор, эмнеси болсо да мен анда «Атанын тагдыры» коюлган сайын эле театрг а бара берчүмүн. Дайым эл толтура. Кире албай билет сурап тургандарды көргөндө, чын сырым, ичимен кымыйып, сүйүнүп калчумун. Оюн көрүп отурган элдин бир күлүп, бир муңайып, атүгүл, ыйлап да ийип, жактырып карагандарын байкасам, өзүм кошо эреркеп, денем чымырап кетчү. Бирок ой-санаам көбүнчө сахнадагы артисттердин ойногонунда болор эле. Жаңылып калышпагай эле, сөзүн чаташтырып алышпагай эле деп, артисттер менен кошо артист болуп, кыпылдап отурчумун. Менимче, мындай абал жеке эле мен эмес, ар бир автордун башында бар болуш керек.

Менин багыма «Атанын тагдырындагы» артисттердин баары эле ролдоруна төп келгенсип, жан-дилинен ойношчу. Буга, албетте, абдан кубанчумун. Мукемин ойногонун көргөн сайын черим жазылчу.

М. Рыскулов кыргыз маданиятында айдын кашкасындай белгилүү инсан эле. Айрыкча театр менен кино сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү эле.

Ар бир жаңы спектакль М. Рыскуловдун катышуусуз коюлчу эмес. Белгилүү актер спектаклдин ажарын ачып, аброюн көтөрүп турган учурунда басма сөз нечен ирет белгилеген. Алтымышынчы жылдарга чейин М. Рыскуловдун ойногон спектаклдерин карап көрсөк: Чойбектин (М. Токобаев «Кайгылуу Какей», 1936-ж.), Момуштун (Ж.Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937-ж.), Тейитбектин (К. Жантөшев, «Курманбек», 1944-ж.), Рысбектин (Р. Шүкүрбеков, «Менин айылым», 1948-ж.), Борбаштын, Түлкүбаевдин (Т. Абдумомунов, «Борбаш», «Тар капчыгай», 1953-ж.) ролдору театр маданиятына жаңылык алып келип турду.

Ошол  учурда улуттук режиссерлордун аздыгынан теа трга орус ре жиссерлору чакырылып, жарым-жартылай театр репертуарында орус жана дүйнөлүк классиктердин пьесалары да коюлуп турду. Кыргыз театр дүйнөсүндө бул маданий өсүш жана жаңылык катары бааланды. Чындыгын айтканда, учурунда театрдын каныккан адистеринде алиге профессионалдык тажрыйбага ээ боло элек кыргыз артисттери дүйнөлүк театр классикаларынын чыгармаларын кандай өздөштүрө алар экен деген күмөндөр ой, санаркоо бар эле. Чыгармачылыктын бул татаал жолун М. Рыскулов өтө чеберчилик менен аткарып, өзүнүн таланттуулугун журт алдында, театр коомчулугунун алдында татыктуу көрсөтө алды. Ал буга чейин Тобинин (У.Шекспир, «Он экинчи түн, 1943-ж.), шаар башчысынын (Н.Гоголь, «Текшерүүчү», 1945-ж.), Отеллонун (У. Шекспир, «Отелло», 1950-ж.), Кнуровдун (А. Островский «Сепсиз кыз», 1951-ж.), Егор Булычовдун (М. Горький «Егор Булычов жана башкалар», 1953-ж.) ж. б. монументтүү драмалык образдарды түзүп койгон эле. М. Рыскуловдун театрдагы көп кырдуу чыгармачылыгына жергиликтүү жана бүткүлсоюздук театр ишмерлери жогору баа берген. Белгилүү актер кыргыз пьесаларындагы чабандан баштап, дүйнөлүк улуу драматургдардын пьесаларындагы королдорунун ролдоруна чейин образдарды ойноп, кыргыз театр дүйнөсүнүн туу чокусундагы инсан катары бааланган. Ал 1958-жылы СССРдин эл артисти деген ардактуу наамга, 1969-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. Бир канча жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Ленин ордени сыяктуу бир нече ордендерди алган. Азыр Нарын шаарында Рыскулов атындагы драма театры иштейт, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө аты коюлган.

Мукем театрда ойногон сайын дайыма ыраазы болгонубуздун себеби эмнеде дегенде, а киши ар бир спектакл ге кур келбей күндө бир жаңы касиет, жаңы сапат, жаңы табылга ала келип, илкамынан түк жазбай күйүп-жанып турчу. Ошону менен бирге режиссер түзгөн калыпты, мизансценаны түк да бузчу эмес. Актердун чеберлиги, тереңдиги ушунда. Айталык, атактуу Саякбай Каралаев «Каныкейдин Тайторуну чапканын» канча айтса да тажабаган сыяктуу Мукем да Акылбектен тажаган жок. «Атанын тагдыры» коюлгандан кийин бир жарым ай не өтүп-не өтпөй Москвага окууга кеттим. Эки жылдан кий ин бүтүп келсем, спектакль дале көп коюлуп атыптыр. Мукем да баягысынан айныбай, биринчи премьерага чыккандай күйүп-жанып турган экен. Акылбекти Мукем үч жүздөн ашуун ойноду. Ошондо да тажаган жок. Элди да тажатпады. Мунун сыры – Мукемдин чеберчилигинде гана эмес, анын талыкпай изденип, ролун эскиртпей улам жаңылап турганында болду. Мукемдин бул артыкчылыгын, кийин Мукемдин өзү жокто, 1975-жылдын декабринде «Атанын тагдыры» 500-ирет Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюлуп жаткан кезде абдан эскердик. Чоң өкүнүч, ич жылыткан сыймык менен эскергенбиз.

* * *

Мукем бизди «жаш курбуларым», «жаш теңтуштарым» деп коёр эле. Биз дегендерим – Төлөмүш Океев, Кадыржан Кыдыралиев, Сагын Ишенов, Ашым Жакыпбеков, Мар Байжиев, кинонун дагы башка балдары. «Теңтуш» деп койсо, биз ага теңата болуп, дердейчү эмеспиз, тетирисинче, Мукемди ого бетер урматтап, тамашалуу кездерди көп жолу бирге өткөрсөк да а кишинин көзүнчө алды-артыбызды абайлап жазганчубуз, ойноп отурсак да сыйлап турчубуз. Мукем жөн гана көңүл улагандан же куудулдангандан ошентип, «жаш курбулар» дечү эмес бизди, чынында эле курдаш сыяктуу болчубуз. Кыйынсынып, менменсинип, манчыркоо дегенди билчү эмес. Биз менен жолугушкусу келип турчу, жолугушуу үчүн шылтоо издечү, биз менен чогуу жүргөндү жакшы көрчү. Баамымда, анын себеби мына бу болуу керек: таланты бийик чыныгы чыгармачыл адам жашы өйдөлөп, улгайган сайын жигит курагына, жаштык кезине көбүрөөк куса болот көрүнбөйбү. Аны жоготуудан коркот. Жаштык куракты көңүлдөн жоготкон күнү чыгармачылыктын жалыны өчүп, чымыны өлөрүн Мукеңдей адамдар жаратылышынан билет болуу керек. Мукем өзү курдуу курбу таппай калганынан же кайрадан бала болуп жашарайын дегенинен, биз менен «теңтуш» болуп жүрбөгөн чыгар. Мукемдин өзү курдуу курбулары өтө көп болчу. Бизден, биздин кыял-жоруктан, күлгөн күлкү, ойногон тамашабыздан Мукем, мүмкүн, өз жаштыгын, жигит курагын көргөн чыгар? Ошондуктан биз менен «курдаш» болуу Мукем үчүн кымбат да, кызык да болгондур? Мүмкүн, ушу сапатыбыз көңүлүнө туура келип, бизди «теңтуш» күткөндүр? Же мүмкүн, кинонун чөйрөсү магнит сымал өзүнө тарткандыр? Анткени өңгөсүн айтпаганда да, искусство дүйнөсүндөгү көркөм-эстетикалык жаңылыктар киного эртерээк жетет. Мукем дайым чыгармачылыгын дат бастырбай сүрөткерлик бою-башына каранып жүргөн түйшүкчүл артист болчу. Искусство дүйнөсүн дөгү, алиги жаңылыктар менен кошо жаңыланып туруу максатында, мүмкүн, киночөйрөдөн кол үзбөс үчүн да бизди «курдаш» туткандыр? Мындай болсо да жөнү бар. Айтор, эмнеси болсо да Мукем бизге умтулуп, биз а кишиге умтулуп, ынтымактуу доор өткөргөндүгүбүз чындык. Мукемдин «жаш курбулары»– биз ошого сыймыктанабыз.

Мукем кино өнөрүнө кырктан ашкандан кийин аралашса да, бейтааныш чөйрөгө бат эле аралашып, башкалардан чыгармачылыкты эрте өздөштүрдү. Ал бүткүл союздук кинодо да бир нече мыкты образдарды жаратты. 1950-жылы «Алитет тоо таянды» кинофильминде Ваалдын, 1952-жылы «Менин жаңылыштыгым» фильминде Сабырдын, 1955-жылы «Салтанат» фильминде колхоздун председатели Түгөлбай менен Асан чабандын ролун ойногон. 1958-жылы «Муз жүрөк жөнүндө баян» фильминде Ашыктын, «Алыскы тоолордогу» Сарыбайдын, 1960-жылы «Тянь-Шань кызында» Ашырбай абышканын ролдорун аткарып, совет доорундагы кино көрүүчүлөрдүн сү йүктүү актерлорунун катарына кирип, кыргыз маданият ында жаш кино өнөрүнүн баа-баркын, аброюн көтөргөн.

1965-жылы Төлөмүш Океев «Бакайдын жайытын» тарта турган болуп калды. Бакайдын ролуна киностудиянын Көркөм совети бир добуштан Мукеми бекитти. Фильмд ин анча-мынчасы гана Чүй боорундагы коктуколоттордон тартылып, көбү Суусамырдан, Төө-Ашуунун белинен тартылмак. Фильмдин редактору мен элем, бир күнү Мукем өтө маанилүү сөз айтчудай мени ээндетип, четке чакырып алды да:

  • Давлением быйыл жакшы эмес. Суусамыр бийик, аяктан өлүп калам. Төлөмүш сенин тилиңди алат, Төлөмүшкө айт, киносун ушу тегеректен эле тартсын,– деди эмнегедир батына бербегенсип.
  • Давлениеңизди Суусамыр оңдойт, Муке,– дедим мен.
  • Чочулабай бара бериңиз.

Чыгармачылык ой-санаасы, максаты, түшүнүгү купулуна толуп турган адамын Мукем, улуу-кичүүлүгүнө карабай, ыйбаа кылып сыйлачу. Бу саам Төлөмүшкө, Төлөмүш тартчу «Бакайдын жайытынын» көркөм дүйнөсүнө ылкамы түшүп, ошондуктан Төлөмүштүн бул чыгармадагы сценаристтик да, режиссерлук да баркын баалагандан ага батына албай жаш балача толгоо бурап, бир чети ден соолугунан чочуласа, экинчиден, Бакайдын образына азгырылып, кыжаалат болуп турган учуру экен. Бу саам да, дале болсо Мукемдин Мукемдеги чыгармачылык ылкамы жеңди. Суусамырдын түтөгүнөн заарканып, өлүмдөн корксо корккон чыгар? Мен андан шек кылбайм, анткени Мукем корккон болчу, а түгүл, ийне салдыргандан да жаа бою каччу. Бирок керек кезде, жалпы элдик намыс, жакшы чыгарма күтүп турган кезде ден соолугун зарп кылып жиберчү. Сүрөткерлик абийирин корккондукка тепсетчү эмес.

Бакайдын ролун кыйбагандан көк чайын, дары-дармегин түйүнчөккө тыкандап түйүп, киночулардын тобу менен Суусамырга кеткен жатты. Бирок ошоякка барарына кубангандай болгон жок. Эч ким менен сүйлөшпөй, өзүнчө эле дугдуюп, жай кыймылдап калганына караганда Мукем дале ден соолугунан чочулап, Суусамырга жүрөкзаада менен аттангандай туюлган мага. А балким, ролун ойлоп, көңүлү ошого уюп баштагандыр, ким билет?..

Суусамырга адеп барганда Мукем катуу кыйналыптыр. Мен жок элем. Бир жумача кара көк тартып, өлүп кала жаздап, турбай жатып, анан көнүп кетиптир. Жайдыжайлата Мукем Суусамырдын бийик жайытында киного түштү. Бээ саадырып, кулундарды кубалап кармап, желе байлады. Бара-бара «давлениеси» эсинен чыгып кетип, акыры Суусамырдан көчөөр мезгил жеткенде, кеткиси келбей, эски жайыты, картаң бүркүтү менен кыйналып коштошкон Бакайдан бетер кыйналган.

Көкөмерен суусу менен Кабактын суусу кошулган жерди Арал дешет. Бадалдуу кооз жай. Пансионаты бар. Суусамырдан кийин ошо жерде жатып, дагы башка эпизоддор тартылды да аны бүткөн соң Мукем, Сабира эжем үчөөбүз киностудиянын шалдыраган эски газигине түшүп, Фрунзени карай жөнөп калдык.

Жолдо Мукемдин туулган жери Чаекке бир түнөдүк. Мукем Жумгалдын Кайырма кыштагында 1909-жылы туулган эмеспи. Ал өзүнүн кайгылуу балалык кезин, театрга келгенге чейинки 27 жылдагы өмүрүн тамаша-кайгы аралаштыра айтып берер эле. Мукемин кадыр-баркы, атагы бүт элге маалым го, ал эми өз тууган жеринде андан да артык экени шексиз эмеспи, эртеси бизди Кызарттын белине дейре узатып келишти. Андай мамиледен кийин, албетте, көңүл кушубак, жолдо ырдап, каткырып күлүп отурдук.

Мукем күлкүчү киши эле. Бир күлүп алса, оңой менен токточу эмес. Кысталышыраак жерде күлүп баштаганы да бир кызык болчу: адегенде үн чыгарбай оозун томпойто бүлк-бүлк этип, күлкүсүн басайын деп баса албай, жедеп кыйналып, күлкүсү эки ууртуна толтура батпай кеткенде: «Ба-а!» – деп жарылып, көзүнүн жашы он талаа болгончо тыйыла албай күлө берчү. Элдин баары эле жарашыктуу күлбөйт. Мукеме күлгөн абдан жарашчу, ажары ачылып, бойду эритип жиберчү. Ошондон уламбы, жанындагылар да күлкүгө аралашып, жуурулуша түшөр эле. А Мукем болсо, улам эстеп алып эле улам боору эзилип күлө берчү, жарыктык. Оо, ачуусу да жаман болчу! Айтор, Мукемдин кубанганы да, ачууланганы да «гүрр» этип, бат сыртына олчойгон тейден тез чыга калчу.

Мукемдин ушундай майдалап отурбаган шар мүнөзүн, каптап кетме ачыктыгын элдин баары эле жактыра берчү бекен же жактырбагандар да болгонбу? Албетте, жактырбагандар да болгон. Айрыкча, кесиптештеринин кээ бири тымызын ичи тарып, күлкүчүлүгүнө эмес, Рыскуловдун Рыскулов атанып, бийиктеп кеткен ийгилигин моюнга албай, атүгүл, өз жөн дөмсүз дүктөрүн өздөрүнөн көрбөй Рыскуловдой таланттуулардан көргөндөр да болчу. Рыскуловго алар нанын, ырыскысын тарттырып ийип жаткансып, жамандык да издешти. Мукем андайдын баа рына чыдады, бирок чыдаганы менен ичинен сызды, тымызын жүрөк оорутту.

А Мукем болсо, бирге иштешкендеринин эч кимисине сөз тийгизчү эмес. А киши менен мен канча жыл жакын жүрдүм, театрда, кинодо чогуу иштештик, фестиваль, декадаларга бирге бардык, ачкылдашкан күнд өрүбүз да болгон, бирок кесиптештеринин бирин да «ушу ушундай» деп, атын атап жамандаганын уккан эмесмин. Ушунданулам, «Мукеңер, мүмкүн, иш өрттөнүп жатса да, кабагымкашымды билбеген кайдыгер неме болгондур, ошондуктан кесиптештерине жакпаган чыгар» дечүлөр да болор? Андай эмес. Мукем кенедей кемчиликти байкаса, тим тура алчу эмес. Күйүп-бышып, күнөөлүүлөрдү каарып, куйкалап жиберчү. Спектаклге даярдыксыз келип, ролун жүрнарылап чыгып кеткендерди байкаса, күн көрсөтпөй кууратчу. Анан ошондой киши кантип эле элдин баарына, айрыкча, талантсыз жанбактыларга жаксын?! Ооба, талантсыздарга, жанбактыларга Мукемдей талабы катуу, халтураны билбеген, иште өжөр кишилер жакпайт. Ал мен айтпасам да белгилүү. А ыйманы таза, дээринде чынчыл, эмгекчил артисттер Мукемден жазганып турушчу. Анткени алар Мукемдин кадыр-баркын, театр үчүн күйүп-бышкан далалатын, Мукемдей адамсыз театрдан кун учуп кетээрин жакшы түшүнүшкөн. Мукем алтымышынчы жылдардан кийин Король Лирдин (У. Шекспир «Король Лир», 1963-ж.), Эшкожонун (Р. Шүкүрбеков «Акындын үмүтү», 1962-ж.), Шерматтын (Т. Абдумомунов «Жыгылган ооганга күлөт», 1969-ж.) ж. б. кейипкерлердин кылык-жоруктарын табигый түрдө элесин сахнада көрсөтө алган.

1979-жылы 18-декабрде Кыргыз академиялык драма теа трында Мукенин 70 жылдык юбилейин өткөрдүк. Спектакль-эскерүү болду ал кече. Аны кантип даярдап, кантип койгондугубуз өзүнчө эле бир узун сабак кызык сөз. Анын баарын айтып отурбай ошо кечеде сүйлөгөн сөзүмөн кыскача үзүндү келтирүүнү ылайык таптым. Ал мындайча:

– СССРдин эл артисти, советтик театр жана кино өнөрүнүн мыкты чебери, кыргыздын улуу актеру Муратбек Рыскулов быйыл 70 жашка чыкмак. А кишини улуу-кичүү урматтап, Муке дечү элек. Бүгүн Мукебиздин туулган күнү. Балким, бүгүн эмес, башка күнү, башка айда туулгандыр? Анткени паспортунда туулган айы менен күнү жазылбаптыр, 1909-деген гана туулган жылы бар. Мукем жолдошчулукка март эле, Мукем оюн-тамашага март эле. Аталык мээрим, чыгармачылыкка март эле. Мүмкүн, туулган күнгө да март жаралгандыр? Андай болсо, ар жылдын 1-январынан 31-декабрине чей инки каалаган күндү Муратбек Рыскуловдун туулган күнү дешке акыбыз бар. Бир гана күндү анте албайбыз. Ал 1-февраль!.. Биринчи февраль күнү Мукебиз дүйнөдөн кайткан… Улуу адам өлүп баратканда да улуулугун жоготпосо керек. Мукем өлөрүндө чабалактап жанталашпаптыр. Жөн гана уйку-соонун ортосунда көшүлүп жаткансып, «Манас» айтыптыр, 30-жылдардагы комсомолдун күжүрмөн ырларынан, «Кызыл жоолукчандарды», «Эсимдени» ырдаптыр, өзү жакшы көргөн ролдорду – Тейитбектин, Отеллонун, Акылбектин, Лирдин монологдорун биринен сала бирин айтып жатып, театрдын сөзү менен айтканда, «Образдан чыкпай» жан кыйган экен. Мындай барктуу өлүм көрүнгөндүн эле колунан келе бербес… Муке жөнүндө дагы сөздөр айтылар, анткени ал өзү баамдагандай, өлгөндөн кийин да театрда жүрө берчүлөрдөн…

Бексултан ЖАКИЕВ

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Ар кандай турмуштук көрүнүштү кабылдоо, сезиптаануу ар дайым субъективдүү, ар дайым жекече түрдө өтөт. Айрыкча искусство, көркөм адабият окуяларын кабылдоо, сезип-т уюнуу субъективдүү болбой койбойт. Мына ошондуктан көркөм чыгарма, эгерде ал искусствонун накта көрүнүшү болсо, өзүнө карата ар түркүн пикирлерди, ал турмак бири-бирине кескин карамакаршы позицияларды жаратат. Мындай кайчы келген каршылашууда, кээде түшүнүшүүгө мүмкүн болбогон парадокс келип чыгат.

Дүйнөлүк адабияттын тарыхында кездешкен эч качан түшүнүүгө мүмкүн эмес парадокстун эң бир түйүнд үүсү жана сырдуусу Л.Толстойдун У.Шекспирге болгон чыгармачыл мамилеси деп ойлойм. Бир гений тарабынан экинчи бир генийди таптакыр кабыл албоо, биротоло жокко чыгаруу көркөм окуяны үстүртөн түшүнгөн дилетанттык эмес же азыркы тил менен айтканда, кандайдыр бир чыгармачылык «ичи тардыктан», эрегиштен келип чыккан карасанатайлык эмес. Нечен кылымдардан бери бүтүндөй дүйнөдө талашсыз классик катарында таанылып келген Шекспирди элүү жыл бою Л.Толстой кокус жаңылып калбайын деп орус тилинде, англис тилинде, эң мыкты деп эсептелген немец тилиндеги Шлегелдин котормосунда «Король Лир», «Гамлет», «Отеллодон» тартып, Генрихтердин хроникаларына чейин нечен ирет кайталап окуп чыгат. Канчалык кайталап окубасын, канчалык далбастап түшүнүүгө аракет кылбасын баары бир мындан элүү жыл мурда Шекспир жөнүндө жасаган жыйынтыгы уламдан-улам күчөп, ырастала берет. Шекспир жөнүндөгү «ташын талкан кылган» макал асын 75 жашка чыкканда жазган экен. (Л.Н. Толстой. Что такое искусство? «Современник», Москва, 1985, 286–335-беттер.) Жаш жагынан гана эмес, чыгармачылык тажрыйбасы жагынан да өлчөмсүз жетилип, дүйнөлүк авторитетке, жалпы адамзаттык мартабага такатсыз ээ болуп турган учурунда жазып жатат. Бул парадокстун маңызы мына ушунда: Л.Толстой өзүнүн макаласында У.Шекспирдин кандайдыр бир конкреттүү чыгармасын же чыгармачылыгындагы кандайдыр бир «өксүктөрдү» сынга алып жаткан жок, бул жерде сөз гениалдуу драматургдун бүтүндөй өзүн, анын чыгармачылыгынын бүтүндөй тенденциясын, багытын жокко чыгаруу жөнүндө, алардын бири да накта искусствого тиешелүү касиет-сапатка ээ эмес экендиги жөнүндө баратат. Л.Толстой мындай каардуу жана күтүүсүз жыйынтыгына үстүртөн, карандай айтылган жел сөздөрдүн негизинде эмес, «Король Лир» баштаган У.Шекспирдин чыгармаларын баштан-аяк, толук жана терең талдоонун натый жасында келет. Ошондогу Л.Толстойдун жүргүзгөн талдоосуна, чыгарманын маани-маңызына, эстетикалыккөр көмдүк табиятына жасаган мамилесине, менин оюмча, не бир атанган Шекспировед көз артпай, суктанбай койбойт. Чынында да Л.Толстой, ар бир өзү жасап, өзү бүтүргөн ишиндей эле, Шекспир жөнүндөгү макаласын бардык тарабынан жеткире иштеген. Бирок Шекспирдин дүйнөлүк кадыр-баркы кымындай да кыйшайган жок. Л.Толстойдун макаласы, улуу жазуучу жараткан көркөм чыгармаларындай эле, башкаларга такыр окшошпогон өзүнчө өмүрү менен жашап келет, ал эми Шекспирдин драмалары болсо мурдагысындай эле өзүнүн эстетикалык таасирин коротпой театрдагысы театрда, китептегиси китеп өмүрүн үзгүлтүксүз, тынымсыз улантууда.

Анткени Шекспир жөнүндөгү Л.Толстойдун изилдөө макаласы конкреттүү чыгармачылыкка багытталганына кара бастан, андагы козголгон жана кынтыксыз аныкталган эстетикалык проблемалар ошол гана тематикалык чөйрө менен чектелбейт, а балким, эң маанилүү жагы бул макалада «Согуш жана Тынчтык», «Анна Каренина», «Пейилдин оңолушу» романдары баштаган жалпы адамзаттык көркөм асыл нарк жараткан гениалдуу сөз чеберинин турмушка, реалдуулукка, искусствого болгон көз карашынын түйүндүү негиздери чагылышында. Мына ошондуктан гений генийге эч качан тоскоолдук кылбайт, жолтоо болбойт, ар ким өз тарыхый ордунда өз ишин аткарат, ал турмак Л.Толстойдун кыйраткыч, талкалагыч сын пафосу У.Шекспирдин генийин дагы тереңирээк, дагы толугураак сезип-түшүнүүгө өбөлгө түзөт.

Көркөм адабияттын тарыхында кездешкен бул ойго келбес обочо мисалды келтиргенибиздин жөнү – көркөм асыл наркка карата каршы-терши позициялардын болушу законченемдүү көрүнүш экенин тастыктоо максаты гана болду. Дал ушул ыңгайдан караганда өткөн кылымдын элүүнчү жылдарында башталган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын таанып-билүү кандай багытта болду, ал кандай сапаттык баскычка көтөрүлдү деген суроо койсок, менин оюмча, азыркы учурда өтө актуалдуу болуп чыгат.

Белгилүү го, кандай гана адабий окуя болбосун, аны таанып-билүү, негизинен, эки багытта өнүгөт, биринчиси – гориз онталдуу, башкача айтканда, жазуучунун чыгармачылыгын жалпы сомосунан, сырткы мазмундук турпатынан кабылдоо, экинчиси, вертикалдуу, башкача айтканда, ар бир конкреттүү чыгарманын ички табиятын, айырмалуу белгилерин тереңден ачып түшүнүү. Биринчиси, көп вариациялуу, бир өңчөй кайталамалуу, экинчиси, индивидуалдуу, айрыкча өзгөчөлүү, оригиналдуу.

Ч.Айтматовдун аты-жөнү, чыгармачылыгы ошол өз учурунда мүнөздөлгөндөй «космостук ылдамдык» менен атак-даңктын эң бийик чекитине көтөрүлүп чыкты. «Тоолор жана талаалар повесттери» деген китеби үчүн 1963жылы 35 жашында Лениндик сыйлыкка ээ болду. Эгерде бул сыйлыкка көп улуттуу совет адабиятында М.Шолохов, М.Ауэзов өңдүү бирин-экин гана жазуучулар эгедер болгонун эске алсак, анда адабиятка келгенине араң эле 6–7 жыл болгон жаш автор кандай «орбитага» чыгып кеткенин түшүнүү кыйын эмес. Ушундан беш жылдан кийин эле 1968-жылы «Гүлсарат» повести үчүн Ч.Айтматов СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына ээ болуп, жашыраак кезинде алган Лениндик сыйлыктын кадыр-баркын ого бетер күчөтүп, мартабасын бекемдейт. Улуттук адабияттын жаш өкүлүнө өтө эрте келген бийик мартаба, эрте келгени аз болгонсуп, биринин артынан бири келип айлана-чөйрөнү, коомчулукту таң калтырып, эсин оодарган мартаба ошол учурдагы адабий кырдаалга кандайдыр бир майрамдагыдай салтанаттуулук маанай киргизбей коймок эмес. Анын үстүнө «Советтик адабиятты дүйнөдөгү эң алдыңкы, эң прогрессивдүү адабият» деп жарыялаган коомдук шарттарда көтөрүңкү маанай кабыл алынган жол-жободой, жаттап алчу эрежедей эле кадыресе көрүнүш болчу. Дал ушундай коомдук-адабий шарттарда Ч.Айтматовдун чыгармаларын баалоодо көтөрүңкү пафос көбүнчө биринчи планга чыгып, ал эми жазуучунун туруктуу түрдө өнүктүрүп көркөм изилдеген идея-проблемасы улам көмүскөдө калып отурганы таң каларлык эмес болчу.

А ырасын айтканда, Ч.Айтматовдун жазуучулук тагдыры адегенде күтүлбөгөндөй түрдө «оңдой берди» болуп шыдыр, такатсыз, мүдүрүлбөй тез кетти. «Бетмебет» менен «Жамийла» повесттеринен дегеле кабар жок кезде, 1955-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун проза боюнча пленумунда, буга чейин дарексиз Чыңгыз Айтматовдун аты официалдуу докладда аталып, бийик баа берилди. Ал турмак ошол мезгилде кыргыз адабиятында аңгеме жанрында активдүү иштеп жүрүшкөн А.Убукеев, К.Жантөшев, С.Сасыкбаев, К.Каимов, Н.Байтемиров сыяктуу белгилүү жазуучулардын катарына коюлуп, жаш автордун «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелери кыргыз аңгеме жанрындагы кандайдыр бир бөтөнчөлүгү менен айырмаланган көркөмдүк ачылга катарында мүнөздөлдү.

Дагы да ырасын айтсак, Ч.Айтматов жөнүндөгү пленумдагы сөз кыргыз адабий коомчулугунун бүйүрүн анча деле кызыткан жок, кезектеги бир жаш автор жөнүндө кокусунан эле айтылган анчейин пикир катарында кулактын сыртынан өтүп кетти. Айрыкча кыргыз совет адабиятынын «дөө-шаалары» ичкериден кандай окуя пайда болуп жатканын капарына алышкан жок. Анын үстүнө алар, конкреттүү айтканда А.Токомбаев менен Т.Сыдыкбеков, дал ошол учурда экөөнүн ортосунда кызуу жүрүп жаткан талаш-тартыш менен алек экен (сөз, А.Токомбаев дин «Бетме-бет кеңири кеңешели» деген сыны жана ага жооп иретинде жазылган Т.Сыдыкбековдун «Аалы Токомбаевге ачык кат» деген макалалары жөнүндө).

Бирок кантсе да, Жазуучулар союзунун пленуму (советтик мезгилде мындай жыйналыштар өтө авторитеттүү болчу) жаш авторго тиешелүү таасирин тийгизген окшойт, ошондон кийин тез эле Ч.Айтматов зоотехник кесибин, кызматын таштап, Москвадагы Адабият институтуна келип кирет. Сыйкы дал ушул учур, Москвадагы окуу, жаш жазуучу үчүн көркөм адабият дүйнөсүнө кирүүнүн чечүүчү башталышы болгон окшойт. Айтор, кандай болсо да окууда жүргөндө ал өзүнүн «Бетме-бет» («Октябрь» журналы, 1958, № 3), «Жамийла» («Новый мир» журналы, 1958, №8) повесттерин жарыялайт.

Мына дал ушул 1958-жыл Ч.Айтматовдун чыгармачылык тагдырындагы эң бир маанилүү бурулуш учур деп айтсак болот. 1958-жылы Октябрь айында Москвада кыргыз искусствосунун жана адабиятынын декадасы болуп өтөт. Он күнгө созулган салтанаттуу чыгармачылык жыйылыштарда, кеңири тал кууларда, кызуу талаш-тартыштарда Ч.Айтматовдун аты москвалык жазуучулардын, адабиятчылардын оозунан түшпөй, жаш жазуучунун фигурасы биринчи штанга, авансценага көтөрүлүп чыгат. Ансыз да жалындап күйгөн отту талкууда чыгып сүйлөгөн М.О.Ауэзовдун сөзү ого бетер күчөтүп, дуулдатып ийди. Анысы аз келгенсип, декада жүрүп жаткан күндөрдө улуу жазуучу, даанышман окумуштуу, көп улуттуу совет адабиятынын талашсыз авторитети М.О.Ауэ зов ошого чейин эч кимге белгисиз Ч.Айтматов жөнүндөгү макаласын жарыялап жиберди («Литературная газета», 1958, 23-октябрь).

Бул окуя бирөөлөрдү кубантты, бирөөлөрдү ойго салды. Чынында эле ошондой болуптур, азыр ал күндөрдү кайрадан эске түшүрсөм. Маселенин маңызын түшүнүү үчүн өтө даңазалуу өткөн (айрыкча Ч.Айтматов үчүн) ошол тарыхый-маданий окуяд ан кийинки Кыргызстандагы түзүлгөн адабий кыр даалды көз алдыга келтирели. Ошол декадага активдүү катышкандардын бири К.Бобулов төмөнкүдөй эскерет: «Кыскасы, декаданын адабий бөлүгүндөгү баш каарман Чыңгыз Айтматов болду, ал Москвалык агайындардын ардак-алкышына арзып, жергесине ак боз ат минип кайтты. Бирок…» (Бобулов Камбаралы. Жаңы тилке, Бишкек, «Адабият», 1991, 75–76-беттер).

Декаданын адабий бөлүгүнүн баш каарманы Чыңгыз Айтматов болгону чын, мында кандайдыр бир максат менен апыртылган эч нерсе жок, баары реалдуу, объективдүү. Кептин баары К.Бобулов кийинки фразаны «бирок» менен баштап, көп чекит коюп койгонунда. Мындай болгондо, чоң адабий эрегиште өздөрүн алдыңкылардын катарында деп эсептөөгө үлгүрүп калышкан Н.Байтемиров менен Ш.Бейшеналиевди айтпай эле коёлу, Кыргыз совет адабиятынын ошол учурдагы лидерлери А.Токомбаев менен Т.Сыдыкбеков анчейин «эпизоддук каармандардан» болуп калабы. Логиканы ээрчисек, дал ошондой болуп чыгат.

Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдык юбилейине карата жазылган макаласын Салижан Жигитов: «Чыңгыз кантип чыгып калды?» – деп атаган эле. Менин оюмча, С.Жигитов, өзүнө мүнөздүү болгон тапкычтык менен, ошондо эле Ч.Айтматовдун феноменине байланыштуу суроону тикесинен эң туура койгон экен. Ал мындай: «Калп айткан менен болобу, азыр Советтер өлкөсүндөгү орустан башка улуттардын бир жазуучусу Чыңгыз Төрөкул уулундай жалпы планетага таанымал боло элек. Ал эми биздин айтылуу калемгерибиз – кечээ жакында эле жалпы саны бир миллионго таяп барбаган, дүйнөлүк цивилизациянын кан жолунан алыс турган, тарыхый өнүгүш жагынан айласыз артта калган, жадагалса өз тилинде сыңар газета чыгарып көрбөгөн майда калктын кулуну. Ушул көп жагынан өксүк кичинекей элдин калың катмарынан көркөм сөздүн дүйнөгө дүң түшүргөн устасы кантип чыгып калды?» (Жигитов С.Чыңгыз кантип чыгып калды? «Ала-Тоо» журналы, 1988, №12, 17-бет.)

С.Жигитов өзүнүн койгон суроосуна жооп иретинде келтирген аргументтер жетишерлик даражада ишенимдүү да, негиздүү да. Баарынан мурда жазуучунун табият берген таланты, көркөмдүк аң-сезиминдеги бөтөнчөлүк, дүйнө турмушту башкача көрүп, башкача тааный-билүү жөндөмү биринчи планга коюлуп белгиленет, андан ары дээрлик караңгылыкта жашаган элдин жаңы коомдук түзүлүшкө туш келип, жазма маданияттын пайда болгону натыйжасында дүйнөлүк, орус адабиятын жакындан ичкериден өздөштүрүү, сөзсүз түрдө, Ч.Айтматовдун чыгармачылык потенциясын терең ачууга шарт түзгөнү көрсөтүлөт. Мунун баары жөндүү, түшүнүктүү. Анткени ушул жана ушул өңдүү өбөлгөлөр башка деле Ч.Айтматов менен бир учурда, же андан кийинчерээк келген кыргыз жазууч уларына, маселен, Б.Жакиев, О.Султанов, М.Байжиев, М.Гапаров, К.Акматов ж.б. карата колдонулса чындыкка толук эле шайкеш келет. Себеби мунун баары жалпы көркөм процесске мүнөздүү болгон законченемдүүлүк. Демек, С.Жигитовдун макаласында даана мүнөздөлгөндөй көп жагынан өксүп келген майда элден дүйнөгө дүң салган жазуучу «кантип чыга калды», ооба, чын эле кайдан чыга калды, бул өзү жок жерден пайда боло калган күтүүсүздүк, кокустук окуябы, же кадыресе законченемдүүлүкпү?

Бул суроого конкреттүү жана кеңири жооп бериш үчүн адегенде, эң оболу 1958-ж. Москвада болуп өткөн декададан кийинки бир окуяны кайрадан эске түшүрүүгө туура келет. Чоң борбордон, чоң жыйылыштан, чоң маданий ишмерлердин катышуусу менен өткөн Чоң талкуу дан Чоң мөрөй менен кайткан Чыңгыз Айтматовдун кубанычы көпкө деле созулган жок. Кыргызстан Жазууч улар союзунда «Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тили» деген темада талкуу уюштурулду. Ал туурасында К.Бобулов мындайча эскерет: «…Бул жазуучуну (сөз Ч.Айтматов жөнүндө – К.А.) таламандын тал түшүндө эле ташбараңга алуу нун өзү эле: ага саясий мүнөздөгү оор айыптар коюлуп, улуттук традицияга чыккынчылык кылды деп, анын бардык ийгиликтери негизсиз эле төгүнгө чыгарылды, ал эми жазуучунун көркөм тили жөнүндө эч кимдин эсинде да калган жок. Менин эсебим боюнча 23 адам чыгып сүйлөдү, анын ичинен «күнөөкөрдүн» өзүнөн тышкары эки гана адам адабиятчы К.Асаналиев менен ушул саптардын автору гана Айтматовдун новат ордук багытын ачыктаначык жактап чыгышты. (Бобулов Камбаралы. Жаңы тилке, Бишкек, «Адабият», 1991, 76-бет.)

Талкууда чыгып сүйлөгөндөрдүн эсебинен эле көрүнүп тургандай, Ч.Айтм атовду жактап сүйлөгөндөр бар болгону экөө, андагы жаш окумуштуу, сынчы мен жана Кыргыз мамлекеттик университетин жаңыдан эле бүтүп, «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенип жүргөн К.Бобулов экенбиз. Ал эми калгандары, «аттуубаштуулары», «дөө-шаалары» болуп, «Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тили» деген чүмбөт-темага жамынып, жаш жазуучуну саясий айыптоолор менен «таш бараңга алууну» баштагандар басымдуу көпчүлүк.

Эмне болуп кетти, кечээ эле Москвада жалпы союздук масштабда айтылган бийик сөздөр кайда калды да, андан көп узабай Фрунзедеги талкууд агы «саясий айыптоолор» кайдан чыгып жатат. Кандай контраст, кандай антиномия. Мындай караганда бул кандайдыр бир көрө албаган ичи тарлардын уюштурган учурдук обструкциясы болуп көрүнүшү мүмкүн. А чынында дал ушул учур Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына гана эмес, анын жеке керт башына карата туруктуу түрдө улам тереңдеп, улам күчөп отурган эки түрдүү позициянын, эки башка көз караштын башталышы болчу.

Баяндын башында Л.Толстой өмүр бою бир чындыктын түбүнө жетиш максатында канча жолу өзүнө күнөм санап, канча жолу кайталап окуса да Шекспир жөнүндө ошол эле бир гана жыйынтыгына келгенин айткан элек. Бул маселе менин баянымдын темасына да, логикасына да байланышы жок болчу. Эми учуру келгенде айтуу керек. «Шекспир – Толстой» менен «Токомбаев – Айтматов» деген адабий окуялардын орто сун да эч кандай аналогия болушу мүмкүн эмес. Бирок учурунда ушундай аналогияны ойлоп таап, каадасынча Ч.Айтматовго дагы бир жолу «көө сүйкөгөн» А.Стамовго мен өз оюмду билдирген элем. Аны кайталап отуруунун эч кандай зарылч ылыгы жок. Көп узабай эле менин ошол кыска репликама кеңири «сокку» берген Стамов минтип жазат: «Дөөлөткө эрте алынган акындын (сөз Аалы Токомбаев жөнүндө – К.А.) кулк-мүнөзү калыптанып калган кезде адабий аренага Ч.Айтматов келип отурат. Чыңгыздын аренага чыгышы, Аалыкени экинчи планга сүрүп таштагандай болду. Дайыма биринчи орунда жүргөн акынга чынында оңой болгон жок».

Бул сөздөрдү Стамов ойлонуп жаздыбы, же оюна келгенин калемдин өкүмүнө эрк берип шилтей салдыбы билбейм, айтор, А.Токомбаев жөнүндөгү чындыкты төкпөй-чачпай айтып салыптыр. Ырасында да А.Токомбаев акындык «дөөлөткө» эрте жеткени, өтө эле эрте жеткени чын, Кыргыз совет ада биятындагы «биринчи орунду» өмүр бою өзүнүн талашсыз менчиги катары, пешенесине биротоло жазып койгон дөөлөт катары сезгени да чын, дал ошондой эле кокусунан Ч.Айтматовдун белгисиз горизонттон «чыга калышы» да, аны «экинчи планга» сүрүп таштагандай болгону да, айныксыз чындык болчу.

Жаңыдан гана жазма маданиятына ээ болуп, жаңыдан гана калыптана баштаган улуттук адабияттын кандайдыр бир өкүлүнүн он жылдык (Асаналиев Кеңешбек. «Чыңгыз Айтматов: Кечээ жана бүгүн». Бишкек, 1995, 53-бет. Стамов А. «Бузуку бөдөнөлөр…» «Кыргыз туусу», 1992, 19-сентябрь.) чыгармачылык юбилейин салтанаттуу өткөрүү, болгондо да жалпы элдик, мамлекеттик масштабда өткөрүү кайсы доордо, кайсы улуттун адабиятында болгонун эч ким билбесе керек. Ушул ыңгайдан алып караганда 1933-ж. өткөрүлгөн А.Токомбаевдин чыгармачылык юбилейи дегеле адабияттын тарыхында болуп көрбөгөндөй окуя эле. Азыр суроо туулбай койбойт, акындын кандай эмгеги менен, кандай өзгөчө сиңирген жетишкендиги менен ушундай «дөөлөткө» жетишип жатат. Эгерде ошол мезгилге көз чаптырып карап көрсөк, анда акындын «Ленин тууралуу» (1927), «Атака» (1932), «Эмгек гүлү» (1932) деген ыр жыйнактары, «Туткун Марат», «Эшим жетим» деген поэмалары, «Жапардын каны» деген бүтпөй калган повесттери бар экен. Жаңыдан пайда боло баштаган жазма адабияттын алгачкы тажрыйбалары катары бул чыгармалардын адабий-тарыхый маанисин жокко чыгарбай туруп, аларды улуттук адабиятт ын өзгөчөлүү көркөм окуясы катарында эсептөөгө эч кандай негиз жок.

Суроо келип чыгат, эгерде 10 жыл аралыгында А.Токомбаев нукура сөз искусствосунун критерийине жооп берген чыгарма жаратууга үлгүрө элек болсо, анда акындын кандай ишмердиги үчүн мамлекеттик деңгээлде ашкере даңазалуу юбилей өткөрүлүп жатат. Бул суроого, менин оюмча, Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгын туруктуу түрдө изилдеген окумуштуу К.Артыкбаев өзүнүн илимий позициясынан иргелген жана интерпретацияланган фактылардын негизинде далилдүү жооп берген. Ал мындайча: Отузунчу жылдардагы Аалы Токомбаевдин поэзиясын «тап куралы» катары мүнөздөп келип, К.Артыкбаев андан ары акындын ошол мезгилдеги идеологиял ык күрөшүнө, айрыкча К.Тыныстанов менен болгон күрөшүнө басым коёт, бул эки акындын ортосундагы айыгышкан конфликт баарынан мурда «идеялык» конфликт экенин аныктайт.

Албетте, мунун баары азыр илимдеги анахронизм, ошондой болсо да К.Тыныстановдун «Академия кечелери», «Жаңыл мырзадан» баштап, «Манас күмбөзүнө» чейинки чыгармаларды «байчыл-улутчул» идеялуу көрүнүш катарында баалаган А.Токомбаевдин сыны кайрадан жандандырылат. Ал турмак, андан ары А.Токомбаевдин позициясын бекемдөө максатында «К.Тыныстановдун идеялык каталарын катуу айыптаган» «Правда» гезитинин 1933-жылдын 7-мартында жарыяланган «Буржуазиячыл-кулактык улутчулдукту акыр-аягына чейин талкалайлы» деген макалага жана 1934-жылы январь айында болгон Кыргызстан облустук партиял ык конференциянын чечимине кайрылат. 30-жылдарда болуп өткөн айыгышкан күрөштүн курч драмалуу бир эпизодун келтиргенден кийин К.Артыкбаев төмөндөгүдөй резюме чыгарат: «Мына ушундай курч идеологиялык талаш-тартыштагы адабияттын идеялык тазалыгы үчүн жүргүзүлгөн күрөштө Аалы Токомбаев кан-жанын аябай алдыңкы катарда жүрдү. Акын дал ушул идеоло гиялык кармашта эбегейсиз зор тажрыйбага ээ болуп, өзүнүн чыгармачылык ишине, көркөм чеберчилигинин өсүшүнө жогорку идеялуулук эң негизги шарт экендигин өмүрлүк эреже катары кабыл алды» (Артыкбаев Качкынбай. Тандалмалар, Фрунзе, «Кыргызстан», 1984, 69-бет.).

Ырасын айтканда, чындык дал ушундай болгон. Аалы Токомбаев жаңыдан калыптанып жаткан улуттук адабиятта жасаган кандайдыр бир көрүнүктүү көркөм ачылгалары менен эмес, келишпеген өжөр саясий күрөштө «кан-жанын аябай алдыңкы катарда жүргөн» күжүрмөн демилгеси, туруктуу ишмердиги натыйжасында мартабага ээ болуп, бийликтин ишеничине кирди. Ишенич канчалык арткан сайын акынга карата болгон бийликтин колдоосу жана камкордугу ошончолук күчөй берди.

Албетте, Коммунисттик партия, совет бийлиги улуттук адабиятка атайы камкордук көргөнү, анын кыймыларакетине ырааттуу көзөмөл койгону талашсыз чындык болчу. Бирок ошол ишеничке өткөндөрдүн ичинде да өтө иргелгендер бар эле. Ошол өтө иргелгендердин эң биринчиси Аалы Токомбаев болгонун тарых танбайт. Өзүнүн ушул эрте келген мартабасына биротоло ишенген акын кыргыз совет адабиятындагы биринчиликти бешенесине жазылган түбөлүк «эн тамга» деп эсептеген. Мына дал ушундай азгырма ишенич, иллюзия менен жашап жүргөн маалда кокусунан эле «сырттан» келгендей болуп, адабиятка Чыңгыз Айтматов кирип келди. А.Токомбаев учур күткөн күрөшчүл киши. Ал учурун күтүп жүрдү. Ч.Айтматовго ачык түрдө каршы чыкпады, бирок… сюжет башкача өнүктү.

Айтор, кандай болсо да Ч.Айтматовдун адабиятка келиши, андан менчиктүү орун алышы дегеле оңой, жеңил болгон жок. Таза чыгармачылык маанисинде эмес. Таза чыгармачылыкта дайыма кездеше турган ички конфликттүү кырдаал, карама-каршылык, кедерги, психологиялык олку-солкулук ж.б. бул өзүнчө бир маселе, ал эми таза чыгармачылык процесске таптакыр тиешеси жок, бирок дал ошол процесске, кыймыл-аракетке тоскоолдук кылган, эң жок дегенде алаксытып, алагды кылган күтүлбөгөн жерден жагымсыз шарттардын пайда болушу, бул башка маселе.

Дал ушул ыңгайда Т.Сыдыкбеков менен Ч.Айтматовдун экөөнүн ортосундагы өтө татаал мамилеге көңүл бөлөлү. Адегенде, бул экөөнүн өз ара байланышы таза чыгармачылык багытта башталып, аксакал жазуучу менен жаш автордун аралыгында боло турган кадыресе сыпаа кырдаал өкүм сүрүп тургандай сезилчү. Маселен, бир эле «Тоо арасында» романынын экинчи китебин орус тилине которуп чыгуу кандай чыгармачыл жигерди, эмгекти талап кылат. Бул романдын биринчи китебин белгилүү, тажрыйбалуу котормочу О.Орозбаев менен балкар элинин атактуу акыны К.Кулиев экөө биргелешип которушкан (К.Кулиев анда Кыргызстанда куулуп жүргөн учуру болчу). Бул китеп Москвадан 1957-жылы жарык көргөн, көлөмү – 276 бет. Ал эми экинчи китебин Ч.Айтматов Москвада Ада бият институтунда окуп жүргөндө, «Бетме-бет» менен «Жамийла» повесттерин жазып жүргөн жылдарда орус тилине которуп чыгат. Китеп 1958-жылы Москвада жарыяланат, көлөмү – 518 бет. Мен бул жерде эки басылманын көлөмүнө атайы басым коюп жатам. Чынында «Тоо арасында» романынын экинчи китеби көлөм жагынан гана эмес, көркөмдүк мазмуну жагынан да бир кыйла терең жана татаал. Жаңыдан жаза баштаган жаш автор, анын үстүнө өзү студент, өтө тажрыйбалуу О.Орозбаев менен К.Кулиевдин аягына чыгара албай койгон ишти, батынып киришип соңуна чыгарыш сөзсүз түрдө Ч.Айтматовдун чыгармачыл потенциясы канчалык күчтүү экенин айгинелейт. Мен ойлогон элем анда, Т.Сыдыкбеков менен Ч.Айтматовдун ортосунда бузулбас бекем чыгармачыл «көпүрө» жаралды го деп. Көрсө, андай эмес экен, экөөнүн ортосу тез эле ыдырап, ыдыраганда да тикеден-тике каршылашуу, айрыкча Т.Сыдыкбеков тарабынан, эми ачык эле айтсак болот, туруктуу «чабуул» башталат.

К. Бобулов  «Жамийла» повести  боюнча биринчилерден болуп жазган сынчылардан. «Ала-Тоо» журналынын 1958-ж. декабрь санына даярдалып жаткан макаласы жөнүндө ал төмөнкүдөй эскерет: «…Мына ушул кейиштүү окуя дан кийин (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын тили жөнүндөгү талкуу – К.А.) Айтм атов менен анын тарапкерлеринин позициясы бир кыйла бошоңдоп, журналдын декабрь айындагы санынан менин макалам алынып салынды, аны кайрадан журналдын редакциялык коллегиясынын мүчөлөрүнө тааныштырып чыгууга чечим кылынды. Аны кыргыздын чоң романчысына, кыргыз адабиятында чоң кадыры бар адамга беришти, ал мурда Айтматовдун аңгемелерин оң баалап келген жана аны менен менин жакшы чыгармачыл карым-катышым бар эле. Ошондон улам мен андан чоң үмүткөр элем. Эки күндөн соң ал мага телефон чалып, үстүнө келүүмдү сурады. Экөөбүздүн ортобуздагы кыйын-кычыктуу, талаш-тартыштуу кептер, кыязы, мага катуу таасир калтырса керек, бул окуяны ошол эле күнү күндөлүгүмө түшүрүпт үрмүн. Бул 1959-жылдын 16-январында болгон. Менин жазгандарым боюнча ал «Жамийла» повестин таптакыр эле четке кагып, ар кандай жол менен жамандап, жакында эле болгон талкууда көпчүлүк ораторлор айткан пикирлерди далилдеди. Мен да өз сөзүмөн кайтканым жок, «Жамийланы» жактап сүйлөдүм, акыры кер-мур айтышып кетип калдым. Ал менин макаламды жактырган жок (Бобулов Камбаралы. Жаңы тилке, Бишкек, «Адабият» 1991, 77-бет.). К.Бобулов ким жөнүндө айтып жатканы түшүнүктүү. «Чоң романчы», «Кыргыз адабиятында чоң кадыры бар адам», бул албетте, Түгөлбай Сыдыкбековдун дал өзү. Жазуучунун атын түз атоодон тартынган сынчынын макаласы жазылган учурда Т.Сыдыкбеков оорулуу болушу керек эле, аяган болуш керек.

Келтирилген сюжеттик эпизоддон эмнени байкоого жана кандай жыйынтык жасоого болот. Биринчиден, Т.Сыдыкбеков декада күндөрүндө эле «Жамийланы» кабыл алган эмес, М.О.Ауэзовдун, орус жазуучуларынын жана сынчыларынын бул повесть туурасында айткандары анчейин жаш авторго айтылган катардагы мактама апыртмалуу сөз катарында сезилген. Экинчиден, Жазуу чулар союзунда талкууга катышпаса да, ал толугу бойдон Ч.Айтматовду сындагандар тарабында болгону ачык көрүнөт. Мына азыр таң калса болот, котормонун ошол кездеги дөө-шаалары О.Орозбаев менен К.Кулиев аягына чыга албаган ишти студент, жаш автор толук бойдон жетер жерине жеткиргени үчүн да Ч.Айтматовду баалап, «Жамийла» повестин жактырбаган күндө да, эң болбогондо, ал жөнүндө «унчукпай» койсо деле болмок. Жок, Т.Сыдыкбеков «унчукпай» коё алмак эмес, анткени «биринчилик кесели» ага да өтө мүнөздүү болчу.

Идеологиялык позицияны дайыма алдыңкы чекке коюп, туу кармаган Аалы Токомбаевдики бир жөн, бирок декада алдында эле ушунчалык «кызмат» кылган Ч.Айтматовго декада бүтөр менен эле Т.Сыдыкбековдун ушунчалык терс мамилеге өтүп кетиши эч түшүнүксүз. Балким, прозачы катарында артынан дүбүртү угулуп калган жаш прозачыга «озуп кетпесин» деп ичи тардык, көралбастык кылгандыр. А чынында да ошондой экен. 1961-жылы Т.Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романы, С.Эралиевдин «Ак мөөр» поэмасы, Ч.Айтматовдун «Жамийла» повести Лениндик сыйлыкка көрсөтүлүп, үчөө тең өтпөй калып, акыры 1963-жылы Ч.Айтматов «Тоо жана талаалар повесттери» үчүн Лениндик сыйлыкты алып кеткенден кийин, баары ачыкка чыкты. Бул жерде сөз арасына кыпчып айта кетчү бир жагдай, Лениндик сыйлыктын комитетинде М.О.Ауэзовдун акыр-аягына чейин күткөн принципиалдуу позициясына канчалык деңгээлде Т.Сыдыкбеков нааразы болуп, ичине сактаган «кегин» кийин М.О.Ауэзовдун көзү өткөндөн ки йин, «Белбелес» романында жаап-жашырбай жазыптыр. Жаапжашыруунун эми зарылчылыгы жоктой. (Бул маселени тереңдетип отурууну мен ылайык таппадым, кызыккандар болсо, «Бел-белес» романынын 588–595-беттерин карап көрүшсө, кимдин-ким экени ошондо билинет.)

Чыңгыз Айтматовго декададан кийин эле түзүлгөн Т.Сыдыкбековдун каршы позициясы басаңдабайт, жумшарбайт, тескерисинче, улам дуулдап күчөп отурат. Анын ашкере ызырынган чабуулу 1966-ж. апрелде болуп өткөн Кыргызстан Жазуучулар союзунун съездинде жалпы союздук деңгээлде ачыкка чыкты. Мурда, ошол эле Сыдыкбеков тарабынан катуу сынга алынган «Жамийла» повести, «Биринчи мугалим» кинофил ьмине бул жолу «Гүлсарат» повести келип кошулду. Жазууч у-сынчы адегенде эле бул чыгарманын турмуштук негизин, реалдуулугун жокко чыгарат, аны баштан-аяк жасалмалуу, жалган ойдон чыгарылган деп табат. Т.Сыдыкбеков мындай дейт: «Эгерде реалисттик искусствонун позициясынын талабынан алтындай болуп жалтыраган Гүлсарыны жакындан карап көрсөк, анда ал алтын эмес эле күндүн нуруна чагылып көрүнгөн дат баскан калай болуп чыгат. Повестте нукура чоң искусствого караганда эпчил, айлакер, амалкөй жасалмалуулук, жалган ойдон автордун чыгаргандары үстөмдүк кылат (Фонд 1465, Опис, №1,т 2, Материалы IV съезда Сп Киргизии, апрель, 1966. 305-б.). Андан ары Т.Сыдыкбеков повест тин баш персонажы Танабай менен бийликтин (Башкарма-Прокурор-Секретарь) ортосундагы конфликтини 60-жылдардагы кыргыз турмушун, кыргыз чындыгын бузуп, фальсификациялап сүрөттөө катарында мүнөздөө, натыйжасында «Гүлсарат» повестине, демек, анын авторуна, түздөн-түз саясий айып коюлат. Ошентип, Т.Сыдыкбековдун терең ишеними-аныктамасы боюнча «Жамийла» повестинен башталган Ч.Айтматовдун чыгармачылык ишмердиги элдин, улуттун турмушун бузуп, маскаралап көрсөткөн жалган, туу ра эмес жолдо бараткан болуп чыгат.

Кыргызстан жазуучуларынын IV съездинде Т.Сыдыкбековдун кеңири сөзүндөгү Ч.Айтматовго каршы аргументтерди майдалап, жиктеп талдоого алуунун азыр эч кандай зарылдыгы жок. Себеби баары талашсыз түшүнүктүү. Бир гана негизги учур табышмактуу, түшүнүксүз. Ушунчалык каарданган катуу каршылашуу эмнеден улам келип чыгып жатат? Эң болбогондо «Тоо арасында» романынын котормосун эстен чыгарбоо керек эле. Эгер пендечилик позициядан карап көрсөк, Т.Сыдыкбеков Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, академик, депутат, айтор, атак-даңк, мартаба-дөөлөт жагынан жетишерлик, эч кимден кем эмес, Лениндик сыйлыкты «алып кеткени» болбосо, Айтматов менен талашып-тартыша турган эч нерсеси деле жоктой. Ошондой эле бул экөөнүн ортосунда, отузунчу жылдардагыдай К.Тыныстанов менен А.Токомбаевдин ортосунда жүргөн келишпес сокур саясий күрөштүн болушуна эч кандай негиз жок. Алтымышынчы жылдар, отузунчу жылдардагыдай ошол эле совет бийлиги экенине карабастан мезгил башкача болуп калган. Эгерде бул таза эстетикалык маанайдагы каршылашуу болсо, анда жаш автордун чыгармаларын түздөн-түз саясатка такабай, мындай диспут, талаш-тартышты таза чыгармачылык сферанын чегинде өткөрүп, ар бир проблеманы өз атынан атап, ар ким өзүнүн жазуучулук концепциясын жактоого болот эле да. Ооба, Т.Сыдыкбеков жазуучу катарында «Кеңсуу» романынан баштап, «Бел-белес» эссероманына чейин кандай эстетика лык принципти жактап, турмушка, чындыкка карата кандай позицияны кармап келгени бизге белгилүү. Ч.Айтматовдун метафоралык системасы, каймана образдары, көркөм шарттуулук менен күчөтүлгөн, өркүндөтүлгөн реализми ага жакпашы мүмкүн. Менин эсимде, биринчи жолу Т.Сыдыкбеков менен болгон менин өтө кескин полемика-талашым. «Саманчы жолу» жөнүндө сөз болуп калып, жакшы эле чыгарма болмок экен, азыркысы чоң романдын конспектиси болуп калыптыр деди. Мен чыдай албай кетип, Сиз анда экинчи «Зайыптарды» жазмаксыз да,– деп жибердим. Албетте, бири-бирибизди түшүнө алган жокпуз, экөөбүз эки башка тилде сүйлөшүп жатканыбыз ачык болчу. Кыскасы, Т.Сыдыкбековдун каршылашуусу барып-келип, «биринчилик» үчүн болуп келген баягы эле көнүмүш күрөшкө барып такалат. Мына дал ошондуктан А.Токомбаевдин «Бетме-бет кеңири кеңешели» («Ала-Тоо», №7,1956) деген макаласына жооп катары жазылган өтө оор айыптоолорго негизделген «А.Токомбаевге ачык кат» («Ала-Тоо», №11, 1956) деген Т.Сыдыкбековдун макалас ынан ки йин, «Эки дөөнүн» ортосундагы күрөш андан ары ырбап күчөбөй, а чынында ошондой болуш керек эле, тескерисинче, далайга чейин дымып, токтоп калышына да себепкер «жок жерден чыга калган» Ч.Айтматов болгонбу деп ойлойм. Анткени күрөш эки тараптан тең ошол жакка ооп кеткени уламдан-улам ачыкка чыга баштады.

Ушундан кийин айла жок эске түшөт, лицейди бүтүп жатканда жаш Пушкин окуган оданы угуп отурган карт акын Державин, жеңип кеткен шакиртке, жеңилген окутуучудан деген мааниде автограф жазып калтырганы. Жөпжөнөкөй, бирок акылмандык менен айтылган бул сөздөрдө улуу Державин лицеист Пушкиндин чексиз талантын анчейин гана моюнга алуу эмес, баарынан мурда дал ушул жаш акындын аты менен орус адабиятынын жаңы доору башталып жатканын сезип-көрүп, ошону гана күбөлөндүрүп жатат. Көрсө, Державин мындай деп айтуу менен эч нерсесин жоготпойт экен, атак-даңкы, мартабасы да бөксөрбөйт экен. Ал өзү орус поэзиясынын борборунан тармак-тармак болуп, ар түрдүү көп тарапка карай тарап турган көп боёктуу, көп үндүү, көп стилдүү акын болсо, Пушкин ошол көп боёктуу, көп үндүү, көп тармактуу стилдерди борборго бириктирген орус поэзиясынын жаңы доору экен. (Бул жөнүндө кеңири: Эпштейнт Михаил. Парадоксы новизны, М.,СИ., 1988, стр. 94–96.)

Ал эми Кыргыз совет адабиятында Ч.Айтматовдун келиши менен жаралган кырдаалга келсек, А.Токомбаев да, Т.Сыдыкбеков да Державиндей эрдикке баралмак эмес. Кеп бул жерде кыргыз патриархтарынын өзүмчүл амбициясында гана эмес, маселенин маңызы советтик системанын негизин түзгөн субординация принцибинде калыптанып жаралган «Мамлекеттик жазуучунун» ички табиятында. Советтик учурдагы жазуучунун мартабасы, субординациялык бийиктиги ал жараткан чыгарманын накта асыл-наркына жараша эмес, эң биринчи иретте бийликке өтөгөн кызматтын мазмунуна түздөн-түз байланыштуу болчу. Субординация боюнча бийиктикке көтөрүлгөн жазуучу (маселен, А.Токомбаев же Т.Сыдыкбеков) ал орунду эч кимге бербейт, аны өз менчигиндей сактайт, туулганда эле өзү менен кошо жаралган бешенесиндей эсептейт. Мына ошондуктан мындай кармашта алдыңкы планга көркөм чыгармачылык эмес, «мансап биринчилиги» чыгып келет.

Испан философу Хосе Ортега-и-Гассет акындын көркөм чыгармачылыктагы аткарган иши жана тарыхый орду жөнүндөгү проблемага токтолуп келип, төмөнкүдөй жазат: «Ар бир нукура акын, көп сөздүүбү же сөзгө сараңбы, баары бир ал кайталангыс көрүнүш. Катарга жаңы келген окумуштуу өзүнөн мурдагыны сөзсүз басып өтөт, акын болсо, сөздүн түз маанисинде, дайыма өз ордунда кала берет, ал эч качан кайталанбайт. Себеби искусстводо ар кандай эле тууроочулук, белимчилик кечиримсиз. Кайталоонун кандай зарылчылыгы бар? Илим дал ошол кайталануусу менен ар дайым баалуу, ал эми поэтикалык стилдин асыл-нарктуулугу, анын жападан жалгыздыгында» (Хосе Ортега-и-Гассет. Дегуманизация искусства: Москва, Радуга, 1991, стр. 498.).

«Жазуучулар союзу» деп аталган, формалдык жагынан коом дук, а чынында мамлекеттик департаментке бириктирилип, субординацияны бекем тутуп үйрөнгөн жазуучуга «жападан жалгыздык философиясы» таптакыр тааныш эмес, ал көркөм чыгарманын келечек тагдырына караганда, субординациялык ордун (буга майрам са йын алчу орден, ардак наам, кезектеги сыйлык, депутаттык ж.б. привилегиялар кирет) жанталашып сактоого бүткүл күчүн жумшайт. Анткени дал ушул мамлекет тарабынан берилген привилегиялар ал жараткан чыгармаларды келечекте коргоп калчу ишенимдүү «калканч» деп түшүнөт.

Адабиятка жаңыдан гана келген, анын үстүнө мындай күрөштөргө түшүп көрөлек тажрыйбасыз жаш автор эмне кылыш керек эле, эчтеке болбогондой, эчтеке укпагандай «кулакты жапырып» коюп, өз ишин, өз позициясын күчөтүп, тереңдетип уланта бериши пайдалуу беле, же алаксып, каршылык көрсөтүп, ар бир жолу полемикага чыгып, кайым айтышуу зарыл беле. Менин оюмча, Ч.Айтматов ошондо, ошол өткөн кылымдын токсонунчу жылдарына чейин жараткан «Жамийладан» баштап, «Кассандранын тамгасына» чейинки мезгилде не Токомбаевге, не Сыдыкбековго «эрегишип» убакыт коротпой, өзүнүн жеке иши менен алпурушуп алек болгону, бул чыны менен гениалдуулук болчу. Бир гана жолу «жаңылды» окшойт, 1971-жылы апрель айында Жазуучулар союз унда тарыхый романдар жөнүндө талкуу жүрүп, «Көк асаба» романына өтө каршы сүйлөдү. Болбосо, Кыргыз Жазуучулар союзунун ишине катышса катышып, катышпаса өзүнүн жеке чыгармачылык жана коомдук милдети менен алектенип жүрдү. Ал турмак ыңгайы келгенде өзүнүн келишпес оппоненттерин колдоп, калыс сөзүн айтуудан тартынбады. Маселен, Т.Сыдыкбеков Кыргызстан КП БКнын жана анын биринчи секретары Т.Усубалиев тарабынан катуу саясий куугунтукка алынып жаткан учурда, Ч.Айтматов бийик адамкерчилик сапаттарын көрсөттү десек болот. БКнын олуттуу тапшырмасы боюнча Жазууч улар союзунун президиуму Т.Сыдыкбековдун жеке ишин талкуулап, төмөн күдөй токтом чыгарат. Так болуш үчүн орусча текстин келтиребиз: «Осудить заявление тов. Сыдыкбекова как необоснованное, содержащее политически-ошибочные выводы и противоречащее делу коммунистиче ского и интернационального воспитания трудящихся» (Усуба лиев Т.У. «Надо знать прошлое, чтобы не ошибаться в будущем», т. 2. стр. 285.). Ч.Айтматов жакшы түшүнөт, «саясийката жыйынтыктар», «эмгекчилерди коммунисттик жана интернационалдык тарбиялоо ишине карама-каршы» деген айыптоолор кайда барып куярын, ошондуктан ал токтомдун биринчи жарымын («Осудить заявления тов. Сыдыкбекова как необоснованное…») гана калтырып, калганын алып таштоону сунуш кылат, муну жалгыз гана Т.Абдумомунов колдойт. Бирок кол көтөрө келгенде калгандары (президиумдун калган мүчөлөрү) Жазуучулар союзунун жетекчиси Т.Аскаров сунуш кылган формулировкага кол көтөрүшөт. Партиялык темирдей тартип боюнча Айтматов менен Абдумомунов кол көтөргөндөргө кошулбаска айласы калбайт.

Турмуш чындыгын аныктоонун чен-өлчөмү дал ушундай болгон, өзгөчө саясий маселе каралып жатканда «көпчүлүгү» кол көтөргөн жакка калгандары баш ийбеске чарасы жок. Бийликтин көрсөтмөсү ушуну талап кылат. Ошентип, Жазуучулар союзу «коомдук уюм» деп официалдуу аталганы менен, а чынында партиялык тартипке, эрежеге толук көз каранды кадимки эле мамлекеттик системанын бир үзүмү экени жогорудагы «кол көтөрүү» амалынан ачык эле көрүнүп турат.

Мына ушул кырдаалдан, мындай караганда жөнөкөй, а чынында өтө татаал маселе, болгондо да Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына тикеден-тике тиешелүү маселе келип чыгат. А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков менен түзүлгөн өзгөчө татаал, эрегишкен каршылашуу мамилени кээде жумшартып, кээде кайдыгер болуп, айтор, өз ишин үзгүлтүккө учуратпай жүргүзө берүүгө ыкташып алууга болот болчу. Ырасында ошондой эле болгон. Ал эми үстүдөн коюлган такай аңдуу, тымызын көзөмөл текши-туташ өкүм сүрүп турганда Ч.Айтматов кандай абалда болду, маселенин негизи дал ушунда.

Түшүнүктүү го, мындай кырдаалда Ч.Айтматовдун көркөм чыгамачылыкта эки жолу бар болчу, биринчиси, өзүнөн мурдагылардай, же өзүнүн теңтуш замандаштарындай болуп, саясатка ыкташып, анын үстүнө жаш кезинде эле буйруп эрте келген улуу сыйлык түздөн-түз милдеттендиргендей, ишеничтүү «мамлекеттик жазуучунун» функциясын кылчайбай аткаруу, экинчиси, эгерде нукура жазуучулук милдетти таза тутуп жүзөгө ашыргысы келсе, анда көркөм адабияттагы эч ким чыйыр сала элек өз жолуна түшүү.

Жашыруунун эч кандай кажети жок, бул азыр парадоксалдуу угулат, советтик доордо адабий сын Ч.Айтматовдун чыгармачыл ишмердигин эч токтоосуз жана каршылыксыз социалисттик реализмдин эң алдыңкы жана эң мүнөздүү окуясы катарында кабыл алуучу. Дал ошондой деп эсептешчү. Ырас, социалисттик реализмдин тарыхын, өнүгүү жолун жана теориясын изилдеген окумуштуулар бул адабий методдун догмаларына жана көрсөтмөлөрүнө жаңыча маани-мазмун берүүгө аракеттенишип, анын фундаменталдуу негиздерин ар түркүн чыгармачылык багыттарга, изденүүлөргө, эстетикалык ачык категория катарында жарыялай башташкан эле. Социалисттик реализмдин теориясындагы мындай жаңыча акценттик «жылыштар», баарынан мурда, дал ошол алтымышынчы жылдардагы көп улуттуу совет адабиятындагы, эң биринчи иретте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы социалисттик реа лизм дин көнүмүш чен-өлчөмдөрүнө сыйбаган, коошпогон касиет-сапаттардан улам келип чыккан болчу. Демек, мына ушунун өзүндө эле кыргыз совет жазуучусунун улам жаңы чыгармалары көп улуттуу совет адабиятынын магистрал «кан жолунан», «оолактап, четтеп» баратканын, бул көрүнүш объективдүү экенин моюнга алуу бар. Ч.Айтматовдун улам жаңы чыгармасына коопсузданып, этибар сактанып кароо тенденция сы бөтөнчө «Ак кеме» повестинен кийин күчөйт. Жазуучунун көлөмү боюнча чакан, бул повести жарыкка келгенде эле жалпы союздук масштабда кеңири, курч талкуу жүргөнү белгилүү. Ошол көп сандаган макалалардын ичинен «Правда» газетасына (ал кездеги КПССтин органы) жарыяланган бир макала ички маанисиндеги подтексти боюнча айрыкча обочолонуп турат. Ал макаланын автору учурунда М.Шолоховдун китептерин сындап, изилдеген орустун көрүнүктүү адабиятчысы Ю.Лукин «Ак кеме» повестинин совет адабиятындагы жаңычылдыгын белгилөө менен бирге төмөнкүдөй корутундуга келет: «Ак кеме» Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы жаңы өстөн менен сүзүп баратпайт, ал ошондой эле, өзүнөн мурдагыларды жокко чыгарбайт деп ойлоону каалар элем.

Келтирилген үзүндүдөгү «жаңы өстөн» («новое русло»), «мурдакыларды жокко чыгарбайт» («не отвергает предшественниц») деген аныктамалар кокустан колдонулуп жаткан жери жок. Алар өз ордунда, подтекст менен бекемделген өз мааниси бар. Социалисттик реализмдин принциптерин жана анын идеялык тазалыгы үчүн талыкпай күрөшүп (Сучков Б.Л. Соб рание сочинений, том 3, Москва, 1985. Лукин Ю. Глаза сказки, Правда, 1970, 23-июля.) келген көп тажрыйбалуу Ю.Лукин «Ак кеме» повестинин түпкү маңызындагы коммунисттик диктатурага багытталган «коркунучту» байкабай коймок эмес. Айрыкча, бул повесть өзүнүн көркөмдүк мазмуну боюнча турмуш чындыгын революциялык өнүгүштө сүрөттөө, эмгекчилерди социализм духунда тарбиялоо деген сыяктуу социалисттик реализмдин негизги, фундаменталдуу жолжоболоруна гармониялашпай, шайкеш келбей, «чоочун» болуп, «өгөйлөнүп» турганын көз жаздымында калтырмак эмес. Бирок тажрыйбалуу сынчы мунун баарын ачыкка чыгарып айтуудан тартынды, анткени биринчиден, Ч.Айтматовдун ысмы дүйнөгө тарап кетти, экинчиден, ал кантсе да кичине, жаш адабияттын өкүлү, подтекст менен эскертип коюу жетишерлик деп ойлоду. Натыйжа, акырында келип, андай болуп чыкпады. Ч.Айтматов баштаган жолунан кайтпады, уламдан-улам арылап, өзүнүн эстетикалык кредосун чыңап бекемдей берди.

Кыргыз совет адабиятында кадимкидей эмес жазуучу жаралып жатканы, ал өз замандаштарынын, өзүнөн мурдагылардын бирин да туурабасы, алардын бирине да окшошпосу, ошол адеп башталганда эле эч ким этибарга албаган «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелеринде эле таасын байкалган.

Чыңгыз Айтматовдун адабий ишмердиги кантип башталганын жана кандайча өнүгүп-өркүндөп отурганын байкоо максатында мисалдарга кайрылып көрөлү. «Социалисттик реализм деген эмне?» – ушундай суроону совет ада бият таануу илиминде биринчи жолу принципиалдуу негизде койгон Андрей Синявский бул көрүнүштүн эмне экенин, келип чыгышын, ички маани-маңызын ачып көрсөтүүдөн мурда өтө жөнөкөй, бирок өтө мүнөздүү бир мисалды, атап айтканда, негизинен бир эле мезгилде Батышта жана Совет адабиятында пайда болгон чыгармалардын атын бир катарга коюп тизип чыгат. Алар, Батышта: «Жарым түндөн кийин өлүм», «Колокол кимди жоктойт» (Хемингуэй), «Ар ким жалгыздан өлөт» (Фаллади), «Жашай турган жана өлө турган мезгил» (Ремарк), «Каармандын өлүмү» (Олдингтон), ал эми орус совет адабиятында: «Бакыт» (Павленко), «Биринчи кубанычтар» (Фецин), «Жакшы!» (Маяковский), «Тилектин аткарылышы» (Каверин), «Жер үстүндөгү жарык» (Бабаевский), «Жеңгендер» (Чирсков), «Жеңиштеги жаз» (Грибачев), «Жеңүүчү» (Симонов) ж.б. (Цена метафоры или преступление и наказание Синявского и Даниэля. Москва, СП «юнона», 1990, стр. 435.)

Келтирилген мисалдагы чыгармалардын наамы эле ачык көрсөтүп тургандай, булардын биринчисинде адам тагдыры, анын кыйын, татаал кезеңдери, күтүлбөгөн мүшкүл бурулуштары сүрөттөлсө, экинчисинде, ар бир аталган чыгарма коммунисттик идеянын, совет бийлигинин жеңиштеринин апыртмалуу бир беткей панегириги болуп чыгат. Дал ушул аспектиден Ч.Айтматовдун чыгармаларына көз жүгүртсөк, ал өзүнчө бир жыйынтыктарга түрткү берет. Анткени жазуучу кайсы гана чыгармасы болбосун ага кандайдыр бир кайдыгер ат койбойт, ошол коюлган аттын өзүнөн эле чыгарманын түпкү маңызы, жетектөөчү лейтмотиви, эң эле болбогондо ошолордун сырткы турпаты, контуру байкалып тургандай болот.

Чыңгыз Айтматовдун эң биринчи кыргызча жарыяланган китеби «Обон» (1959) деп аталат. Ушул китепке киргизилген «Жамийла» повести да ушул ат менен биринчи жолу жарыкка чыгыптыр. Москвадан орус тилинде жарыяланганда «Обон» деген түшүнүктүн орусча котормосу редакторго, котормочуга жакпай, персонаждын ысмы менен аталып калганын автордун маалыматынан кийин билдик. А чынында дал ушул «Обон» деген түшүнүк бул повесттин лирикалык маани-маңызын гана эмес, Даниярдын обонундай кыргызчага да окшошпой, казакчага да окшошпой, бирок экөөнүн ширөөс үнөн өзгөчө бүткөн көрүнүш сыңары, Ч.Айтматовдун чоң адабиятка эч кимге окшошпой, бирок эки улуу маданияттын ширөөсүнөн жаралгандай күтүүсүз, кескин келишин алдын-ала айгинелеп турат. Айласыздан бир окшоштук, аналогия эске түшөт. Бир мезгилде атак-даңкка, мартабага эрте жеткен Аалы Токомбаев, өзү айткандай, өмүр бою «идеологиянын солдаты» болуп, эң башкысы өзүнүн ыйык поэзиясы менен кызмат өтөдү.

Дал ошондой эле атак-даңкка, мартабага эрте жеткен Ч.Айтматов кандай жолго түштү, кеп ушунда. Лениндик сыйлыкка ээ болгондон кийин, арадан 2–3 жыл өтпөй, Ч.Айтматовдун жалпы союздук деңгээлде дүң салган повести пайда болот. «Кош, Гүлсары!» (Прощай, Гулсары!»), кийинчерээк бир аз өзгөртүлүп «Гүлсарат» аталып калган бул чыгарма көз жарып жаралгандагы аты «Жоргонун өлүмү» («Смерть иноходца») болчу. «Новый мир» журналынын баш редактору А.Твардов скийдин кеңеши жана талабы боюнча «Кош, Гүлсары!» болуп калганын Ч.Айтматов кийин өзү эскерет. Бул жолу чыгарманын атынын өзгөрүшү анчейин сыртк ы формалык түргө эмес, мындай кубулуш баарынан мурда саясий функцияга ээ.

Анткени Совет адабиятынын эң авторитеттүү ишмерлеринин бири А.Твардовский «Жоргонун өлүмүн» кол жазмасында окуганда эле чыгарманын түпкү негизинде «эмне» жатканын жана ал кай тарапка багытталганын туура сезген. Бир өңдүү, бир түстүү багытта бирдиктүү өнүгүп жаткан Совет адабият ында «Новый мир» журналын башкалардан кескин айырмалуу басылмага айландырган кыраакы редактор «Жоргонун өлүмүн» кол жазма боюнча жарыяланып кетсе, аягы эмне менен бүтөрүн билбей койгон эмес. Дал ошондой эле А.Твардовский сыяктуу өткүр сезгич акын повесттин көркөмдүк жасалгасын жараткан парабола («дат баскан темир кишен», пайдалануудан чыгып, «унутулуп бараткан боз үй», «аттардын түрмөсү сарай», акыры «Гүлсарынын өлүмү») Алданов-СегизбаевКашкатаевдин бийлик системасына түздөн-түз атылган ок экенин сезбей коймок эмес. Анткени жоргонун өлүмү, бул жөн эле бир кадыресе аттын тагдыры эмес, эгерде бул ошондой кадыресе эле тиричилик көрүнүш болсо, анын натуралисттик элесин сүрөттөп отуруунун кандай зарылчылыгы бар эле, маселенин баары «Кентаврдын», «Гүлтандын» (Г.Гачевдин аныктамалары), б.а., Гүлсары менен Танабайдын кадимкидей эмес образынын каймана, параболалык маңызында – бул баарынан мурда Танабайдын экинчи жанынын өлүмү, ал ишенген идеалдын, ошол идеал үчүн баарын берген, күчүн-энергиясын, бүтүндөй жаштыгын, жетилген учурун берген, «социализм», «колхоз» деп аталган идеалынын өлүмү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын атына байланыштуу келип чыккан дагы бир метаморфозага көңүл бөлөлү. «Кош, Гүлсары!» повестинин «чуусу» басыла электе эле дүйнөгө «Ак кеме» («Белый пароход») деген жайдары поэтикалык ат менен белгилүү болгон жазуучунун кезектеги повести пайда болду. Адегенде кол жазмасында редакцияга барып түшө элекке чейин ал «Жомоктон кийин» деп аталчу. Аталышына, угулушун караганда «ак кеме» деген сөз курамы алда канча жагымдуу да, элестүү да. Ошого карабастан, жазуучунун өзүнүн берген комментарийине көңүл бөлсөк, чыгарманын трагедиялуу мазмунуна чыгарманын адепки аты («Жомоктон кийин») шайма-шай келерине басым коёт.

Ырасында эле, аты жок Баланын «балык болуп сүзүп кеткен» өлүмү менен бүткөн бул чыгармага угулушу, аталышы боюнча гана эмес, түпкү маани-маңызы боюнча да кандайдыр бир салтанаттуулук, майрамдык маанай киргизген «Ак кеме» сөз курамы кайдан пайда болду. Көрсө, чыгарманын ушун дайча аталып калышына бул жолу да демилгечи себепкер да даанышман акын А.Твардовский болгон экен.

Мындай караганда «Жомоктон кийин…» деген ат кайдыгер сыяктуу, чочута турган «шектүү» эч нерсеси жоктой сезилет. Анда «Новый мир» журналынын Баш редактору эмнеден коркуп, эмнеден сактанды, маселенин маңызы дал ушул чекитте.

Көрсө, чынында да дал ошондой коркунуч туудура турган кырдаал бар экен. Сөз бул жерде социалисттик реализм адабиятынын бирден бир эстетикалык принциби жөнүндө баратат. Бул принцип боюнча кандай гана чыгарма болб осун, мейли, ашкан трагедия болсун, ал сөзсүз түрдө оң каарм ан дын жеңиши менен салтанаттуу бүтүшү керек. Социалисттик реализмдин эстетикасы ушундай финалды алдын ала «заказ» кылат. Советтик драматургиянын классиги В.С.Вишневскийдин Октябрь революциясы жөнүндөгү чыгармасы «Оптимисттик трагедия» деп бекеринен аталбайт. Бул драмада баш каармандын өлүмүнө карабастан, окуя-сюжет жеңиштүү салтанат менен аяктайт. Ал эми «Ак кеме» повестинин финалычы?

«Кош, Гүлсары!» повестинде Жорго менен коштошкондон кийин жолдо тоо таянып келаткан Танабай жалгыз калган «казды» көрөт, ал тобун издеп, кууп бараткан. Автор дал ушул учурда психологиялык параллелизм өткөрөт, жалгыз келаткан Танабайды тобунан ажырап жалгыз калган казга салыштырат. Танабайдын жан дүйнөсүндө партияга кайра өтүү ишеними пайда болот. Демек, «Кош, Гүлсары!» повестинин финалы, Гүлсары менен Танабайдын («Гүлтандын», «Кентаврдын») тагдыры социалисттик реализмдин канондоруна толук жооп бергендей тартипке, ирээтке келтирилет. Мунун баары А.Твардовскийдин кеңеши менен жасалган чүмбөт, камуфляж болчу. «Ак кеменин» финалын да Ч.Айтматов кайра иштөөгө аргасыз болгон. Финал автордук реквием менен бүтөт: «Бала жүрөгүң арамдык менен кыянатчылыкты кабыл кылбады, балык болом деп сүзүп кеткениңен мен ушуну билдим. Эми менин көңүл жубатар ым да ушул. Бир жарк этип, жалп этип өчкөн чагылгандай жашап өттүң. Чагылганды Көк Теңир чагат. Көк түбөл үктүү. Менин көңүл жубатарым ушул.

Дагы бир көңүл жубатарым: адамдагы балалык абий ир дандагы түйүлдүк сыңары. Түйүлдүгү жок дан өспөйт. Бул дүйнөдө кандай күндү баштан кечирбейли, бирок адам туулуп-өлүп турары чын болсо, акыйкаттык түбөлүк жашары чын… Эмесе, сени менен коштошоюн, бала. Коштошоюн да, сенин сөзүңдү айтайын: «Арыба, ак кеме, мен келдим!»

Менин оюмча жана ишенимимде, бул гениалдуу реквием. Мында социалисттик реализм талап кылган «Оптимизм» да бар, дал ошондой эле адам жүрөгүн титиреткен улуу трагедия да бар. «Ак кеме» деген сөз курулмасы, ал канчалык поэтикалык, канчалык угумдуу экенине карабастан, чыгарманын кароол мерчемине «тийбей» жаткан себеби дал ушул автордук реквиемде жетер чегине чейин топтолуп, синтезделип берилген трагизмге байланыштуу. Баланын күткөн ишеничин, Бугу энени үч киши (Момун, Сейдакмат, Орозкул) арамдык, кыян атчылык менен көз көрүнөө атып өлтүрдү, «алтын бешик» апкеле турган шаа мүйүзүн балталап талкалады. Бул баланын Биринчи жомогунун, ишенген үмүтүнүн кыйрашы, өлүмү. Мына дал ошол Жомоктон кийин бала «карасанатайлык», «арамдык» менен элдеше албай, өзүнүн экинчи Жомогуна балык болуп «сүзүп кетет». Бул – трагедия. Трагедия кандайдыр бир алыскы жерде, же кандайдыр бир байыркы, өткөн заманда эмес, социализмдин «гүлдөп», «өркүндөп» турган учурунда кыргыз тоолорунда болуп жатат. Болгондо да, трагедия баланын жомогунан кийин болуп жатат. «Ак кеме» повестинин адегенде, жаңыдан жаралганда, кол жазма түрүндө «Жомоктон кийин» деп аталышынын маңызы да ушунда.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын аты жана анын мазмунга төп келиши жөнүндөгү проблеманы «Кассандранын тамгасына» чейин узартып, тереңдетип отура берүүгө толук негиз бар. Бирок азыр жыйынтык иретинде «Кыямат» романына кайрылып көрөлү.

Адегенде бул чыгарма «Айланпа» («Круговращение») деп аталган экен. Романдын түйүлдүгү пайда болуп, жазыла баштаганда жана жазуу процессинде окуя, мезгил ушунчалык тез өтүп, тез өзгөрүп турган өткөн кылымдын 80-жылдары эле. Натыйжада, автор акыр аягында «Плаха» («Кыямат») деген атка токтолот. Анткени каймана маанисинде алынган дал ушул сөз, автордун өзүнүн айтуусу боюнча романдын түпкү негизиндеги мазмунга дал келет. Орус адабиятынын көрүнүктүү сынчысы Л.Аннинский акыркы мезгилде кайсы чыгарма катуу таасир берди деген суроого төмөнкүчө жооп берет: «А привлекли внимание – да ещё какое «Печальный детектив» В.Астафьева и «Плаха» Ч.Айт матова. Вещи самобытные, выстраданные, противоречивые – настоящие детища слома и перемены, памят ники периоду перестройки… Мистика, что ли: и период на «П», и произведения – на «П». (СМ: Взгляд. Критика, полемика, Публикаци. М; Советской писатель, 1988, с. 8–9.)

Үзүндүнү орусча берип жатканыбыздын себеби, которгондо «П» тамгасы ордуна түшпөй, сөздүн мааниси бузулуп калат. Л.Аннинскийдин мүнөздөмөсүндө В.Астафьев менен Ч.Айтматовдун чыгармалары кайра куруу мезгилинин эстеликтердин, кыйроонун жана өзгөрүүнүн накта перзенттери катарында каралат, мезгилдин («перестройка») да, чыгармалардын («Печальный детектив», «Плаха») да «П» менен башталышын «бул эмне мистикабы» деп суроо коёт. А чынында «өркүндөгөн социалисттик доордун» кескин бурулушу жана адабий окуялар эч кандай мистика эмес, ал нукура реалдуулук, ал эми орус адабиятынын алдыңкы катары менен теңтайлашып, айрым маселелер боюнча алдыга озуп жүргөн Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы болсо, адегенде эле колдонмого алган жазуучунун багыты, ориентациясы түздөн-түз дал ушул жыйынтыкка апкелмек.

Албетте, табигый түрдө, Ч.Айтматовдун өз учурунда социалисттик реализм жол-жоболорун даңазалап, ал турмак Горький менен Пастернакты карама-каршы коюп жазган макалаларычы, андан дагы «Биринчилер» менен кантип «тил табышып», кантип «кол кармашып» президиумдарда бирге отуруп жүрдү деген суроо келип чыгат. Саясий кырдаалга ыкташкан, конъюнктуралык макалаларды Ч.Айтматов жазбай койгон эмес жазган, ал турмак Брежнев менен Андроповдордун кайсы бир докладдарын мактаган учурлары да болгон. Ч.Айтматовдун чыгармачыл тагдырынын татаал түйүнүнүн бири дал ушу жердеби деп ойлойм.

Анткени кичине элдин кичине адабиятынын өкүлү, анын үстүнө «автобиографиясы» орчундуу жагынан совет бийлигине түздөн-түз карама-каршы болсо, эмне кылуу керек эле эң болбогондо, Жамийладан баштап, Бостонго чейинки жараткан каармандарды сакташ үчүн да конъюнктуралык саясий декларацияга барууга туура келмек. Өзүнүн аздектеген чыгармачылык позициясына, эстетикалык көз карашына карама-каршы болгон күндө да. Бийлик берген атак-даңкка, сыйлыкка жана өзү жараткан көркөм чыгармаларга Ч.Айтматов кандайча караган, кандайча баалаган анын төмөнкүдөй сөздөрүнөн ачык көрүнөт: «Мен дагы көп наамдарды, сыйлыктарды алдым. Алардан танбайм. Бирок ошонун баарысы өз мезгили, өз тарыхы менен агылып кеткен нерсе деп эсептейм. Бир гана пайдасы ошол наамдар мен үчүн ок өтпөс тон сыяктуу кызмат кылды.  Кептин баары жазуучу ошол наамдарга магдырап, күнүмдүк идеологиянын кулу болуп кеттиби же болбосо принциптүү чынчылдык жолунан тайган жокпу – кеп мына ушунда» (Айтматов Чыңгыз. Эркин сүрөткер гана нагыз турмуштук чыгарма жарата алат. Кыргыз туусу, 1992, 10-декабрь.).

Чыңгыз Айтматовдун бул сөздөрүндө көркөм чыгармачылык жөнүндө негизги чындык айтылган. Кичине элдин Кичине адабиятын мазмун жагынан да, көркөмдүк ачылгалары жагынан да жалпы адамзаттык деңгээлге көтөрүү, бул Чыңгыз Айтматовдун адегенде эле мойнуна алган максат-жүгү болгон. Ушул Улуу максатты жүзөгө ашырууда ал өз жолунан кылдай да кайтпай, кандайдыр бир ойго келбес, элестетип көрүүгө мүмкүн болбогон өжөрлүк, туруктуулук менен жүрүп келет. Ошондой улуу максатты көздөп чыккан учурда кыргыз совет адабиятынын патриархтары, же Т.Сыдыкбеков, же А.Токомбаев жаш лицеист Пушкинге баш ийип кол берген улуу Державинге окшоп, аксакалдык ишаарат жасашпады, тескерисинче, бөгөт болууга, тоскоолдук жасашка («Элдик», «Улуттук» деген улуу идеяларды жамынышып) бүт аракеттерин жумшашты, бири ачык түрдө, бири көмүскө түрдө, а бирок Айтматовдун тагдыры ушундай экен, казак М.Ауэзов, орус А.Твардовский бийик жылдыздарды карай багыт алган кыргыздын жаш жазуучусуна ак дилинен жолдомолорун берип, нукура чыгармачылык кеп-кеңешин аяшкан жок. Акыры Ч.Айтматов өзүнүн гана эч кимдикине окшошпогон, эч кимдин тарыхый ордуна көз артпаган жана бүлүк салбаган өзүнүн гана жалпы дүйнөлүк адабий доорун жаратты. Эгерде ал адабий доор улуттук кыртыштан башталып, өнүгүп-өркүндөп отурбаса, мында бийиктикке көтөрүлө алмак эмес.

Кеңешбек АСАНАЛИЕВ

ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ

…Жылкынын башы бүткүл өлкөбүздө кескин азай ып кетти, жалпы шар менен кошо биздин мал чарбалуу республикада да сейрек тартты. Мындай кейиштүү абал совет журтчулугун кийинки учурларда аябай тынчсыздандыра баштады. Ал эми Төлөмүш ушул проблеманы көпчүлүктөн озунуп көрүп-билип, кинонун тилинде биринчи жар салды. Демек, «Жылкы» фильми эң оболу актуалдуу маселени «курч койгон жаңычыл фильм эле. Экинчиден, ал кичинекей лента Төлөмүштүн кийинки жылкычылар темасын козгогон толук метраждуу фильмине өзүнө бир камылга эле.

Төлөмүш Океев кийин да «Мурас», «Мүнүшкөр» «Боом» деген документалдуу фильмдер тартты. Булардын эң мыктысы, албетте, «Мурас». Ал кыргыздын эл-жери жөнүндөгү жалпы темага арналган. Арийне, бу темага республикалык кинематографисттер Төлөмүшкө чейин эле бир нече жолу кайрылган, атүгүл кыргыз жеринин сонун пейзаждарын, айыл чарба жана өнөр жай объекттерин элибиздин салт-санаасына жана духовный маданиятына тиешелүү урунттуу көрүнүштөрдү кайра-кайра тарта берип, штампка да айландырып жиберген. Төлөмүш деле ошол реалиялардын көпчүлүгүн кайра тартканга аргасыз эле, штампка түшүп кетүүгө толук жөн-жайы бар эле. Бирок ал көп тартылгандан көркөмдүк таасирге ээ болбой калчу табият жана турмуш көрү нүштөрүн жаңыча бир формада бере алды. Режиссер кыргыздын эл-жерине өлүп бараткан карыя кишинин көзү менен каратты, жергебиздин албан түрдүү сүрөттөрүн, элибиздин коомдук турмушундагы көп кырдуу фактыларды ошо карыянын көз алдынан кечип жаткан акыркы элестер катары көрсөттү. Бул ракурс фильмдин жалпы идеялык-көркөмдүк турпатына жаңыча жаңырык берди. Ошентсе да Төлөмүш Океевдин сүрөткердик таланты көркөм кинофильмдеринде баарынан таасын ачылды. Ал биринчи тарткан толук метраждуу фильм менен эле эң зор чыгармачылык утушка жетип, жалпы союздук жана дүйнөлүк атакка бөлөндү. Ал фильм – «Бакайдын жайыты» (орусчасы – «Бала чагыбыздын асманында»).

Кыргыздын эски көчмөн тиричилиги кадыресе аянычтуу болгонун көп айтып, көп жазабыз. Акыйкатта да көчмөнчүлүктөн өткөн катаал, өнүмсүз кедери, тартма жашоо ыңгайы жок. Ошонун айынан ата-бабаларыбыз далай замандар өлбөстүн күнүн өткөрүп келбедиби, коомдук өнүгүш жагынан бечел калбадыбы. Бирок элибиздин эски турмушу бүтүндөй кайгы-касыретке, туташ бечаралыкка, жылчыксыз көр оокат прозасында дайым эле чөгүп да турган эместир. Көчмөндөрдүн жалпысынан бир өңчөй ыбырсый берген түйшүктүү өмүрүндө жыл сайын жадыраган бир жаркын тилке ачылган: ак жайдын маалы, эл жайлоолоп жүргөн учур. Ошондо тоо табияты жашыл ыраң жамынып, албан түс гүлдөр менен саймаланып, өзгөчө көрк менен берекеге тунат. Де мейде асман ак булут аралаш көгөрүп, аба салкын, аптап мээр имдүү, жамгыр  жагымдуу болот. Тирүү жандын баары тоюнуп, сулуулук курчамында магдырап, аба ырайынан ыракат таап, өзүнчө бир жыргалга батат…

Айтор, мүшкүлдүү эски турмуштун кыска мөөнөттүү поэзиясы да болгон. Баса, кечээ жакында, калкыбыз текши отурукташып бүткөндө дүйнөгө келген биз деле эски көчмөн тиричиликтин чет жакасын көрүп калбадыкпы. Шаардын чуру-чуусунан, көр оокаттын ыбыр-сыбырынан, окшош өтүп жаткан күндөрүбүздөн жадаганыбызда өз ыктыярыбыздан тышкары тээ алыскы мунарланган бейкапар балалыгыбыз, жайлоо до жылаңайлак жүргөн бактылуу кезибиз, боз үйдө жатып жамгыр дыбырын тыңшап жыргаганыбыз эске түшүп, бир чети ичибиз элжиресе бир чети кусаланып кетебиз. Ырас, бала чагыбызда биз жайлоодогу турмуштун кыйынчылыктарын, ыңгайсыз шарттарын, түркүн прозалык көрүнүштөрүн өз башыбыздан далай эле өткөрсөк керек, алардан жүдөп да, жадап да жүрсөк керек, бирок ошонун баары азыр жадыбыздан көтөрүлүп, бала чакта өзүбүз көргөн жайлоо турмушу азыр биздин кыялыбыздан чылк эле поэзияга тунуп тургандай сыяктанат. Ошентсе да жайлоонун реалд уу тиричилигинде терс жактары менен катар өзүнчө бир көрк, жамал, сонундук баары талашсыз.

Бештен белгилүү Октябрь революциясы калкыбыздын эзелтен өкүм сүрүп келген жашоо ыңгайын астын-үстүн кылып, караманча өзгөртүп жиберди. Көпчүлүк эл жапырт отурукташып, дыйканчылык жана жумушчулук өнөрлөрүн өздөштүрдү, жаңы маданият жолуна түшүп, таптакыр башкача аккан турмуш агымын ээрчиди. Кыргыздын көчмөн жүргөн эски учуру азыр, акын айткандай, «бөбөктөр кыт-кыт күлгөн жомок болду». Бирок жаңыча жашоо шартында көчмөн тиричилик калкыбыздын жаңырган турмушунан биротоло четке сүрүлүп калган жок, дайын-дарегин таптырбай жоголуп кеткен жок: азыр деле кыргыздын бир далайы, асыресе колхоз-совхоз малын баккандар баягы эле ата-баба салты менен жарым-жартылай өмүрүн көчмөн абалда өткөрүп келет.

Бакай да ошондой малчылардын бири. Ал төрт түлүктүн чолпону делген жылкы багат. Кемпири Урум экөө жай айлары жакындаганда эски боз үйүн илгеркидей эле төөгө артып, күтүрөгөн жылкысын айдап жайлоог о көчөт. Анын жоон топ бүлөсү чилдей таркап кеткен: бир даары шаарларда жана жаңы курулуштарда иштеп жүрөт, бир даары жогорку окуу жайларында жана интернат мектептерде окуйт. Ырас, чал-кемпир жаны кыйналганда, тиги чилдей тарагандардын арка-жөлөк болбой алыста жүргөнүн жарыя айтып наалып калышат, бирок балдарына өтө катуу нааразы деле эмес. Алар демейде алыста ар кими өз алдынча күн көрүп жүргөн балдарына жакшылык гана каалашат, эсен-соолук гана тилешет, биз менен учурашып, жайлоодо эс алып кетишсе деп жол карашат. Тек жайлоого шаардагы мектеп-интернатта окуган, жакында эле жайкы дем алышка чыккан эң кенжеси Калык гана келет. Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» деген көркөм фильми ушундай эпизод менен башталат. Режиссер азыркы кыргыз малчыларынын көп кырдуу тиричилигин ашкере оор кылып да көрсөтпөйт, ашыра идеализациялап да сүрөттөбөйт, ал экзотикалык сулуу элестерге ашкере ык салып, бүгүнкүнүн кинематографикалык пасторалын жаратам деп да далбас урбайт, тек гана жайлоо турмушунун демейдеги прозасын жана жай поэзиясын документтик таа майлык менен, өзгөчө сүймөнчүлүк менен, перзенттик мээрим менен көз алдына тизмектеп тартып берет.

Фильмде бекем чыйратылган курч сюжет, аң-таң калтыра турган кызык окуялар, аптыктырып адамдын эсин чыгарган эффекттүү кадрлар жокко эсе. Бакай шериги Алым экөө жылкы кайтарат, кулун байлайт, тай-кунанга тамга салат, бээ саадырат. Урум менен Алымдын келинчеги тамак жасайт, сабаа бышат, төшөк салат, үй жыйнайт. Кээ-кээде гана эки үйдө тең «казан-аяк кагыша» кетет. Бирок эки жылкычы бири-биринин уруш-талашына кийлигишпейт. Жайлоонун демейдеги жай турмушун айлуу түндөр көркүнө чыгарат. Кээде ак жаан тынбай жаай берип, жайлоочунун баарын жүдөтөт, көңүлгө көк таштай тиет. Идиллиялуу кырдаалдар оор абыгерчилик менен алмашылат. Тек күн ачыкта да, жаан-чачында да Бакайдын жаны жай албайт. Кыбырап бирдеме жасап жүргөнү жүргөн. Кажынып иштегени иштеген. Эмгек анын өнөкөтүнө айланган, өмүр сүрүү нормасы болуп калган. Бакай карыя дүйнөнү тоюндуруп да, кийиндирип да турган жөнөкөй адамдардын бири.

Бакай өз турмушуна аябай ыраазы деле эмес, нааразы деле эмес, жөн гана ага көнүп калган. Анын кесиптеш шериги Алым деген жигит кээде мас болуп алып, тоо-тоодо элден безип, эндекей жүргөнүнө наалыйт, жылкычылыктан бошонуп, элчилеп тынч оокат кылам деп оолугат. А Бакай болсо өзүнүн машакаттуу кесибин тагдырына туш келген адамдык парз катары кабыл алып, анын түйшүгүнө, оош-кыйышына, ысык-суугуна дайыма кайыл. Деги Бакай чал тышынан жөнөкөй көрүнгөнү менен ашкан акылман, кайратман, духовный жактан куландай соо чал! Бирөөгө доосу жок, залалы жок, кастыгы жок. Дүйнөнүн түпсүздүгү, турмуштун татаалдыгы, жашоонун маани-маңызы тууралуу баш катырып ойлонбойт, философиялык тирадалар айтпайт, антишке анын чамасы да, чолосу да жок. Бирок анын жөнөкөй тагдыры, бир өңчөй турмушу, жупуну өмүрү, татаалданган дүйнө менен карым-катнашы ушу таптагы талаш туудуруп жаткан чоң-чоң философиялык маселелер тууралуу ой жүгүртүүгө «жем» таштайт.

Азыр биздин республиканын аймагы туташ курулуш участкасына айланып калбадыбы. Жапан тоолорго индустрия чабуул коюп, электр станциялары, кең ишканалары, туннелдер, суу сактагычтар, автотрассалар курулууда. Ушунун баары табияттын жалпы көрүнүшүн да, элдин көнүмүш турмушун да өзгөртүүдө. Маселен, Бакай жыл сайын жайлап жүргөн конуш курулуш тилкесине түшүп калат. Жылкычылар дагы ары сүрүлүп, дагы бийик көчүүгө аргасыз болот. Сырдана, жыт сиңишкен, ата-бабадан калган конуштан биротоло кол жууп кабырга кайыштырат! Бакай жедеп карыган бүркүтүн азат кылып, эски конушка таштап кетмек болот. Көч чубап жөнөй берет. Бүркүт көчтөн калбай далдаңдап учуп, аянычтуу шаңшып ээрчип алат. Бу кадрларды жүрөк үшүткөн кайгылуу музыка коштойт! Бүркүттөн айрылганына кыңырылган Бакай тоо жардырып жаткандар берген сигналды түшүнбөй, жылкысын күтүрөтүп айдап бара берет. Аңгыча болбой тоо тарс жарылып, жылкылар аябай катуу үркүп, туштарапка октой атылып жөнөйт. Азыр эле кулпуруп турган татынакай жашыл тоо ойрону чыгып казылып, аңырайып түрү суук болуп калат… Аңтарылып, курсактары агарган өлүү балыктар дайра бетин бербей агат. Ушу кадрларда эч кандай музыкасыз, шоокумсуз берилген табият тилсиз ачуу чыңырып жаткансыйт.

Адамзат көп кылымдардан бери карай табият байлыктарын ысырапчылык менен пайдаланып келди. Табиятка кишилер келтирген зыян азыркы учурда, индустрия укмуштай күч-кубат алып, илимий-техникалык революциянын арааны жүрүп турган чакта өзгөчө кескин туюла баштады. Мунун өзү жер жүзүндөгү расалардын өкүлдөрүн өздөрүнүн айлана-чөйрө менен карым-катнашына жаңыча кароого, табиятты ойлонбой талап-тоной бергендин акыбети опурталдуу болорун аңдап билүүгө мажбур кылды. Акыркы жылдары прогрессчил адамзаттын «экологиялык аң-сезим» деген жаңыча акыл-эси ойгонду. Бул аң-сезим өнүп-өскөн өлкөлөрдүн чарбалык саясатына байкаларлык таасир тийгизүүдө. Ошентсе да айлана-чөйрөнү коргоо проблемасы планеталык масштабда болсун, региондук масштабда болсун өтө маанилүү, өтө өткүр проблема бойдон калып жатат. Туш-тараптан табият тын тең салмагын жана гармониясын бузбоого чакырган үндөр жаңырьп жатат.

Жер шарын мекен кылгандардын арасынан айрым адамдар гана табияттын тагдырын ойлоп бейпайга түшө баштаган чакта эле Төлөмүш Океев «Бакайдын жайыты» фильминде ошол актуалдуу проблеманы поэтикалык формага салып чагылдырган. Натыйжада, адам менен табиятт ын өз ара мамилеси жөнүндөгү тынчсыздануу ал фильмд ин негизги образдык сюжеттик мотивдеринин бири болуп калган.

Балдарынын баары туш-тарапка чилдей тараган Бакай менен Урум өздөрүнчө кеңешип, кенже уулу Калыкты жаныбыздан чыгарбайлы деп чечишет. Алар бул чечимди: «Мал бакса деле баланын оокаты өтөт, малчылыктын үзүрүн көрүп Маскөөгө чейин барып келгендер деле көп, акыры балдардын бирөө ата кесибин кармашы керек» – деп мотивировкалашат. Бирок Калыктын дегеле айылда калайын деген көңүлү жок. Аны өзү аздыр-көптүр кынык тапкан шаардын азан-казан, шашкалаңдуу, миң кырдуу турмушу азгырат. Ал шаарга барбай каламбы деп, чөлдү самап кусаланган зоопарктын төөсүндөй жүдөй баштайт. Болбогон жерден энесине болушам деп, атасы менен араздашып алат. Аңгыча болбой жайкы дем алыш бүтүп, балдар келгин куштардай кайрадан шаарга кайта баштайт. Урум түтпөй, чалынын алдында Калыктын өтүмүн өз мойнуна алып, аны балдарга кошуп жиберет. Калык балдар менен сүйүнүп чаап баратканда жылкы айдап келаткан атасы алдынан карп-күрп чыга калат. Бала селт чочуп коркуп, өзүн күнөөлүү сезип, башын шылкыйтат, а түгүл билинер-билинбес бышактап да жиберет. Бакай унчукпай чөнтөгүнө кол салып, бир кичинекей түйүнчөк алып чыгып, абышкалардын салты боюнча аны шашпай ачып баласына акча алып берет да, өз жолуна түшөт. Калык артына баш буруп карай берсе далысы аянычтуу үңкүйгөн, бүткүл сөөлөтү кандайдыр кичирейе түшкөндөй өчөйүп, аяныч туудурган Бакай жайбаракат, кылчайып койбой кетип баратыптыр. Ушул кадрлар көз алдынан өтүп жатканда баягы эски журтка калган бүркүт менен коштошкондогу музыка кайра да тереңден суурулуп чыга келет. Ошондо дароо баягы эски журтта калган бүркүт эске кылт этет, анан үңкүйүп кетип бараткан Бакай да ошол бүркүтүнө кандайдыр окшошо түшөт, ошол бүркүтү сыңары турмуштун эски журтунда түбөлүк калып жаткандай туюлуп кетет.

Аңгыча болбой кадрда атчан чалдар куду Бакайга окшоп үңкүйүп салмактуу бастырып, муң аралаш күңгүрөгөн обондун коштоосу менен чубашып өр таянып, ошол калыпта кыр ашып кетет. Ал эми окууга бараткан балдар болсо аттарынын оозун коё берип, мыктап жасалган туннель менен өрттөй жанган күндү карай жарышып жөнөшөт…

«Бакайдын жайыты» лентасынын акыркы кадрларын көрүп отурганда жалгыз гана бала Калыктын ата-энеси менен катуу кыңырылып кайыр-маазир айтышканына күбө болбойбуз, фильмдин авторлоруна куракташ биз да карыган ата-энелерибиз менен коштошуп жаткандай кабырга кайыштырабыз. Мына, кара тааныбаган, карандай мээнетке башы байланган, журтчулуктун ар кандай жүгүн ноюбай көтөргөн, арак менен тамекинин даамын татпаган кишилердин өзүнчө бир мууну кылымдын дабанын ашып улам-улам кыядан өтүп, тарых туңгуюгуна өтүп баратат.

А биз, алардын жаңыча жашоо алкагына тартылган перзенттери, машакаттары да, артыкчылыктары да арбын цивилизациянын жаңы журтун карай алиги таскак урдуруп бараткан балдар сыңары эдиреңдеп чаап баратабыз. Кетип бараткан жолубузда ата-бабабыз үч уктаса түшүнө кирбеген материалдык жана духовный дөөлөттөргө ээ болдук. Бирок көп жакшы нерселерге жетишкенибиз менен, мурдагы айрым жакшы нерселерибизден кол жууган жокпузбу? Кайсы бир акылман: «Адамзат өзүнүн өтмүшү менен күлүп коштошот», – деп айтыптыр. Чын эле ошондойбу? Чын эле биз эски көчмөн турмушубуз менен, анын азыр деле жартылай жашап жаткан саркындысы менен эч бир кыңырылбай, кынжылбай, жадырап-жайнап коштошобузбу? Балким, көчмөн турмуштун катаалдыгы, ыңгайсыздыгы, примитивдүүлүгү, бардык кууралдары менен кошо кайталангыс поэзиясы да түбөлүк кетип жаткандыр? Ошого биздин кабыргабыз кайышпас бекен? «Бакайдын жайытын» көрүп бүткөндөн кийин эң оболу көңүлдө ушундай бир ой тык этет. Анан кыялда ар кандай ойлор, ассоциациялар, суроолор жамырап чыгат…

Эгер арасындагы айрым натуралисттик мүнөздөгү кадр ларды эсепке албаганда, «Бакайдын жайыты» төрт тарабы төп чыккан дегенге жакындап барган фильм. Анын жалпы мазмунунда мөлтүлдөп турган көп кырдуу маанилер бар, акыл менен оңой кармала бербес өзгөчө тереңдик бар. Анын экранга чыгары менен биздин өлкөнүн жана чет мамлекеттердин бир катар сыйлыктарына арзыганы бекеринен эмес.

Биринчи фильми аркылуу эле чыгармачылык жактан жетилген, дүйнөгө өз алдынча көз карашы жана мамилеси бар сүрөткер катары көрүнгөн кинорежиссерлор ар кайсы элден өтө сейрек чыгат, экинчи жактан, «тырмак алды» чыгармасы менен өтө бийикке көкөлөп алып, анан ошо кайра жетпей жүрүп өтүп кеткен сүрөткерлер да дүйнөлүк көркөм маданияттын тарыхынан көп табылат. Кайриет, Төлөмүш кийин көп жагынан «Бакайдын жайытына» барабар келген, айрым жактары боюнча андан ашып түшкөн «Көк жал» менен «Куу илбирстин тукуму» фильмдерин жаратпадыбы.

Аталган эки лента тең сюжеттик материалдары башкабашка болгону менен негизги проблематикасы жагынан өз ара өзөктөш. Буларда да «Бакайдын жайытында» козголгон адам менен табияттын карым-катнашы тууралуу темалар принциптүү козголот. Алар күчтүү духовный чымыркануу менен, чыгармачылык күйүп-жануу менен, дасыккан чеберчилик менен тартылды; карапайым дыйкандан кино билермандарына чейинки көрөрмандарга жагып, баарынын чечекейин чеч кылды; чет элдик экрандарда ийгилик менен көрсөтүлүп, дүйнөлүк чоң кадыр-баркы бар кинофестивалдардын баш байгелерин жеңип алды. Эгер Төлөмүш Океевдин колунан чыккан көркөм фильмдерди каз-катар кеткен тоо тизмеги шекилинде элестетсек, анда «Бакайдын жайыты», «Көк жал», «Куу илбирстин тукуму» үчөө чокулары бири-бирине барабар турган үч тоо сыяктуу көрүнөт. Алардан анча-мынча пасыраак өңдөнүп тургандары, менимче, «Уркуя» менен «Улан».

«Уркуя» («Отко таазим») лентасы жакында эле өткөн тарыхый материалдын негизинде тартылган. Ал материал, көпчүлүккө бештен белгилүү. Арийне, тарыхый жана адабий баяндарда көп ирет «көк бөрү» болгон ар кандай турмуштук факты сулуу легендага айланууга умтулат, сюжеттик жана образдык штамптардын туманына чулганат. Республикаб ыздагы колхоз кыймылынын даңазалуу каарманы Уркуя Салиеванын трагедиялуу тагдыры да тарыхчылардын, журнали сттердин, жазуучулардын көп жылдык аракеттери менен китептик жансыз кебете алып калган эле. Анын элеси да канон дошуп кеткен. Демек, Уркуянын образын кино тилинде жандандырууга кайрылганда Төлөмүш Океевди даяр жол менен сыйгаланып кетүү, күмүш көркөм ыкмалардын туткунунда калуу коркунучтары акмалап күтүп турган болучу. Бирок Төлөмүш бу сапар да сүрөткердик кыраакылыгын, режиссердук баатырдыгын айрыкча чынчылдык туюмунун өткүрлүгүн көрсөттү. Ал «хрестоматиялык жалтырак сырдын», башкача айтканда, ашмалтайы чыккан көркөм штамптардын арасынан коллективизация учурундагы катаал турмуш чындыгын таамай көрө билип, аны чыйралыңкы тартып шоо лаланып турган кызыктуу көркөм акыйкатка айландырды.

Төлөмүштүн орошон чыгармачылык табылгаларынын катарына «Улан» картинасын да кошууга толук негиз бар. Анда биздин коомдо терең тамырлап кеткен аракечтикке каршы күрөш маселеси коюлат. Албетте, бул тема бир чети актуалдуу болсо, бир чети өтө эле прозалуу. Ага байланыштуу өзгөчө бир оригиналдуу сюжеттер ойлоп табуу таптакыр жапжаңы көркөм концепциялар жаратуу кыйын. Ошентсе да Төлөмүш аталган теманы иштеп чыгууда иллюстрациялоо жолуна түшүп кеткен жок, ишенчиликтүү курулган курч сюжетке, жандуу образдарга, турмуштук мыкты деталдарга таянды.

Айтор, «Уркуя» менен «Уланда» өтө маанилүү коомдук саясий жана моралдык проблемалар козголот, ашкан драмалуу адам тагдырлары көрсөтүлөт, бай идеялык-көркөмдүк мазмун таасын чеберчилик менен ачылат. Бирок алар кайсы бир жактарынан (балким, идеялык эмоциялык күчүдүр, балким, сюжеттин жана образдардын органикалуу өнүгүшүдүр) «Бакайдын жайы ты», «Көк жал», «Куу илбирстин тукуму» фильмдерине аздыр-көптүр жете бербейт!

Бүгүнкү күндүн моралдык-этикалык проблемалары Төлөмүш Океевдин «Кызыл алма» жана «Алтын күз» ленталарында да чечилет. Ырасын айтканда, алар режиссердук алчысынан түшкөн чыгармалары эмес. Бирок чет элдик басма сөздө ал картиналар бир кыйла жогору баа алды, асыресе алардын идеялык-образдык түзүлүшүндө авторунун орошон талантынын дасыккан устаттыгынын, айкын көркөм табитинин тамгасы бар экени белгиленди.

Жалпы чыгармачылыгын тескеп-териштирип көргөндө эң оболу Океевдин акын жандуу сүрөткөр экени баамга урунат. Чындыгында да, Төлөмүш – экрандын лирик акыны. Ошон үчүн анын фильмдеринин тышкы көрүнүшү эмес ички мазмуну нукура поэзиялык жарыгы менен шоолаланып турат. Ырас, режиссер өз картиналарына поэзиялык касиет же улуттук колорит берем деп атайын далбас кылбайт, тек гана тууган табиятыбыздын демейки көрүнүштөрүнөн элибиздин реалдуу жашоо ыңгайынан, жөнөкөй кишилердин романтикага же сулуулукка чылк тунуп турбаган тиричилигинен поэзиянын сулп алтындарын сууруп чыгат.

Төлөмүштүн чыгармачылык палитрасы, лирикалык түстөргө гана эмес, катаал мүнөз боёкторго да бай. Анын бардык картиналарына чыйралган дүмөктүү драматизм мүнөздүү. Кээ бир фильмдеринде ошол драматизм патетикалуу трагедиялык деңгээлге чейин өрөпкүй көтөрүлүп барат. Түпкү негизинде трагедиялык уюткусу бар. «Уркуя», «Көк жал», «Куу илбирстин тукуму» ленталарын айтпаганда да, жалпысынан лирикалык планда тартылган «Бакайдын жайытын» баштан-аяк көңүл сыздаткан муң аралап өтөт.

Менимче, Төлөмүштүн көркөм дээринин эмгиче ачылбай жүргөн дагы бир күчтүү жагы бар. Тааныгандар жакшы билет: ал өзү ашкан шайыр, тубаса куудул, юморго өтө дыйкан жигит. Куудулдугуна дабаа жок, эл айткандай, «өлгөн кишини да күлдүрө алат». Ал аралашып калган топто дайыма күлкү жаңырат. Баскан изинен күлкү чачырап турат. Анын ушу касиети буга чейинки фильмдеринде анда-санда бир кылаң дей, бар көркү менен жадырап көрүнө элек. Атүгүл башында бүт бойдон комедия түрүндө ойлонулган «Улан» фильми да жүрө-жүрө олуттуу тартып, акыры драм алуу мүнөз алып кеткенсиптир… Ал эми Төлөмүштүн кинокомедия жанрында кайра-кайра жарк этип көрүнүп тура турган кадыресе жөнү бар. Арийне, чачыраган юмор ар бир эле пендеге энчиленип берилбейт, тирүүлүктүн гармониясын жана дисгармониясын жаны менен кылдат туйган, бүркүт сыңары бийиктен кабыл алган, өтө терең аңдай билген өткүр акылдуу адамдын акыбалына гана туш келет. Анын ошондой сейрек касиеттин ээси боло туруп, анысын чыгармачылыгында айкын көрсөтпөй койсо, Төлөмүш түбү келип өз талантына гана кыянат кылган болор эле.

Төлөмүш Океевдин жаратмандык өнөрү өз элинин астейдил сүймөнчүлүгүнө арзыды, жалпы союздук жана дүйнөлүк кадыр-барк тапты, бүткүл өлкөбүздө жана республикабызда өтө жогору бааланды. Деги ал ардактуу наам, сыймык, мактоо жагынан армансыз эле болду көрүнөт. Бирок урмат-сый менен атак-даңк анын башын айландырып, дымагын асмандатып ийген жок. Баса, чыныгы чыгармачылык иш менен алпурушкан кишинин бой көтөргөнгө, мактоого манчыркаганга, дагы башка пендечиликтерге азгырылганга чолосу тийбейт. Ал эми Төлөмүш дайыма жаратмандык жумуштар менен, духовный мүдөөлөр менен, жаңы көркөм ниеттерин табуу жана жүзөгө ашыруу менен алек болду.

Салижан ЖИГИТОВ

 

ОКУМУШТУУЛАР

Түрк элдеринин ичинде кыргыздар жазуу-сызуусу бар, мадан ияты өнүккөн байыркы элдердин катарына кирет. Бирок кезегинде ошол жазуу-сызуусу көчмөн турмуштун шартында өнүкпөй калгандыгына карабастан, мезгилинде кыргыз жеринен көптөгөн аалымдар, илимпоз ойчулдар чыгышкан. Алардын эң алды болуп Махмуд Кашгари (Барскани) эсептелет. Бул даңктуу жердешибизди эч күмөнсүз эле кыргыз болгон деп айтууга толук негиз бардыгын азыркы мезгилде окумуштуулар далилдешүүдө. Андан тышкары XVI кылымда «Маджму ат-таварих» (Тарыхтар жыйнагын) жазган Сайф ад-Дин Аксыкентини атоого болот.

9-ТОМ

Ошол мезгилде батыш менен чыгыштын илиминдеги жетишкендиктерди айкалыштырып, жалпы адамзаттын кенчине айланган илимдин тармактарында өз үлүштөрүн кошкон аалымдарыбыздын көпчүлүгү жөнүндө маалыматтар сакталбай калган. Сакталгандардын эмгектери көпчүлүгүнүкү түп нускасы эмес көчүрмөлөрү болуп саналат.

Бул дагы биз үчүн чоң кенч.

Орто кылымдарда маданияты гүлдөгөн Азия чөлкөмүндө кыргыз элинин да өз орду, салымы болгон. Элдин калың катмарынан өнүп чыккан асыл акыл-ой кенчтери дал ошол илимдин өнүгүшүнө таасир эткен.

Кыргыз элинин окумуштуулар чөйрөсү ХХ кылымда өнүккөн жана гүлдөө дооруна жетишкен. Алардын катарында алгачкы карлыгачтары катары Б. Солтоноев, О.Сыдыков, И. Арабаев, К. Тыныст анов, К. Карасаев ж.б. турушат. Алардын илимге болгон салымы өз мезгилинин зор жетишкендиги катары бааланууга тийиш. Бүгүнкү күндө илимдин кайсыл тармагы болбосун ири жетишкендиктерге ээ болгон кыргыз окумуштууларынын дүйнөлүк илимде өз орду бар. Айталы Б. Жамгырчинов, С. Табышалиев, А. Алтымышбаев, А.Табалдиев, З. Бектенов, Т. Саманчин, Т. Жолдошов, А. Алдашев, Ө.Караев, К. Оторбаев, М. Миррахимов, М. Иманалиев, Ү. Асанов ж. б. илимдин ар кыл тармактарындагы эмгек терин белгилөөгө болот.

Илим дайыма өнүгүүнүн үстүндө болот. Ага улам жаңы муундун өкүлдөрү өз үлүшүн кошуп байытып турат. Келечекте кыргыз окумуштууларынын кыйыры мындан да кеңип өсөрү чындык.

Илимпоздордун жалпы адамзаттын коомдук турмушунда көтөргөн жүгүн эч нерсеге салыштырууга мүмкүн эмес. Андыктан чырак болуп элдин эртеңки күнүнө шоо ла чачкан илимпоздорубуздун эмгеги жана өмүрү жөнүндө кийинки урпактардын билүүсү, айта жүрүүсү абзел.

Бул бөлүмдө айрым окумуштууларыбыз тууралуу жалпы окурмандарыбызга маалымат берип коюуну туура таптык.

МАХМУД АЛ-КАШГАРИ (АЛ-БАРСКАНИ)

Теңир-Тоо аймагынан чыккан даңазалуу аалым Махмуд Ху сейин уулу ал-Кашгари (ал-Барскани) мындан он кылым илгери мекенибиздин жалпы мусулман калк тарынын ренессансына киргизген олуттуу салымдарынын бирин жүзөгө ашырган.

Ал 1072–1077-жылдары араб тилинде «Дивану лугат ат-түрк» – «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» («Диван») деген эмгегин жазган. Бул чыгарма түркология илиминин башаттык доорун жана орто кылымдардагы эң би йик сересин түзөт. Автордун бул чыгармасынын 1266-жылы 1-августта Абу Бекр ас-Сави ад-Димашкы көчүргөн нускасы гана биздин күндөргө сакталып жетти (бул көчүрмө азыр Стамбулда сакталууда). Махмуд Кашгаринин «Китаб жавахиру н-нахв фи лугати т-түрк» – «Түрк тилдеринин синтаксисинин маңыздары» деген экинчи бир эмгеги ушул күнгө чейин табыла элек. Бул эмгектин аталышы «Диванда» гана эскерилген.

Махмуд Кашгаринин (Барсканинин) өмүр жолу тууралуу маселе өзгөчө олуттуу даректик тактыкты талап кылары түшүнүктүү. Эң оболу анын аты-жөнү тууралуу кандай маалыматтарга эгедер экендигибизди ортого салалы.

Дивандын көзгө басар көчүрмөсүнүн фотофаксимилесинин алгачкы барагында чыгарманын авторунун толук ысымы чоң атасына чейин берилген: «…Махмуд ибн алХусейин ибн Мухаммед ал-Кашгари, Алланын ыракымы ага тийсин!»

Белгилүү украин чыгышпозу Омелян Прицак: «Махмуд Кашгари ким?» – деп аталган макаласында Кашгаринин өмүр жолу тууралуу өтө кызык жана ынанымдуу жоромолун сунуш кылган. Анын урунттуу жерлерин биз да колдоого алып ке лебиз.

Ислам чөлкөмүндөгү элдердин орто кылымдардагы жазма адабиятында, орток салттык бир жанр катары тактама-библиографиялык адабият өнүккөн. Маселен, орто азиялык окумуштуу ас-Сам’ани (XII к.) өзүнүн «Ныспалар китеби» («Китаабу л-ансаб») аттуу китебине Орто Азия менен Чыгыш Түркстан аймагынан чыккан мусулман окумуштуулардын, диниятчылардын ысымдарын жана айрым бир библиограф иялык даректерди киргизген. Алардын арасында ал-Оши, ал-Баласагуни, ал-Кашгари сыяктуу ныспалары бар айрым бабаларыбыз эскерилген.

Бирок XI–XIII кылымдардагы тарыхый, адабий, тактама биографиялык эмгектердин эч биринде Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагунинин ысымдары жана эмгектери эскерилбептир. Ал эми XVII к. Катиб Челебинин «Шектенүүлөрдөн арылуу» эмгегиндеги маалыматтар болсо толугу менен Махмуд Кашгаринин «Диванынын» өзүнөн гана алынган. Бул жагдайга мысырдык тарыхчы Бадр ад-Дин ал-’Айни да биографиялык толуктоо маанисинде эч жаңылык киргизе албаган. Демек, түздөн-түз Махмуд Кашгари жөнүндө бизге жаңы дарек тер тартуулай турган орто кылымдык жазма булак чыгышпоздорго азырынча белгисиз.

Ныспа демекчи… Арабдардан башка мусулман калктарына да орто кылымдарда таркаган бул ат коюу салты өзгөчө оригиналдуу. Бул таандык кылуучу энчилүү ысым менен кишинин этностук, диний, саясий, социалдык, региондук теги ж. б. белгиленген. Кээде бир эле киши бир нече ныспага да ээ болушу мүмкүн эле. Айрым учурда киши өзү төрөлгөн кыштактын же чакан шаардын аты менен аталбас тан, бүтүндөй бир региондун (ал-Фергани), өлкөнүн же этностун (ал-Булгари), саясий же маданий чордондун (ал-Баласагуни, ал-Үзженди) аты менен аталып калган. Ырааттуу жашап кеткен жерлери боюнча бир эле киши ал-Оши, ал-Баласагуни, ал-Шаши деген сыяктуу бир нече ныспаларды да ала турган.

Америкалык чыгыш таануучулар Жеймс Келли менен Роберт Данкофф атайын белгилегендей, аалымдын «алКашгари» ныспасы «Дивандын» жалгыз сакталып калган көчүрмөсүнүн сыртында – титулдук барактагы эмгектин аталышынан кийинки сапта гана учурайт. Ал эми китептин эң соңку бөлүгүндө (колофонунда) автор дун ысымы «Махмуд ибн ал-Хусейин» деп гана бер илет.

Хусейиндин уулу Махмуддун туулган жылы менен дүйнөдөн кайткан жылы да белгисиз. Анын туулган мезгилин болжолдуу аныктоо үчүн Омелян Прицак өзгөчө кызыктуу иликтөө аракетин кылат. Маселен, «Дивандын» өзүндө Ысык-Көлдүн боюндагы орто кылымдардагы олуттуу саясий мааниси бар дубандык калаа Барсган жөнүндөгү маалыматтарынын биринде: «Барсган – шаар (аталышы). Махмуддун атасы дал ушу шаардан болот» деген сөздөр бар.

Ал эми эмгектин башка бир жеринде: «…Бул китептин автору Махмуд айтат: ушул эле жагдайдан улам (б.а., каткалаң «ха» тамгасы менен «алифтин» бири-бирине алмаштырылышынан улам – Т.Ч.) биздин эмир бабаларыбызды «хэмир» дешчү. Себеби огуздар «эмир» деп айта алышпайт. Алар «алифти» «ха» менен алмаштырышып, «хэмир» деп сүйлөшөт. Ал эми түрктөрдүн өлкөлөрүн Саман уулдарынан (Саманийлер сулалесинен – Т.Ч.) жеңип алган биздин эмир атабыз «Бахаркин» деп аталчу экен» делген. Мындагы эң акыркы титул-ысымды Бесим Аталай «Хемир-тегин» деп калыбына келтирет. (Бул титулду «чагыр/чагры-тегин», башкача айтканда, «Шумкар канзаада» деп оңдоо да чындыкка жакын экенин төмөнүрөөктө айтабыз.

Ушул эки парчадан (үзүндүдөн) жана «Дивандын» кириш бөлүмүндө эскерилген автордун өзүнүн түрктүн «эн ак сөөк тектүүсүнөн» экендиги жөнүндөгү автобиографиялык маалыматтан улам Махмудду Кара кагандар сулалесине таандык үй-бүлөдөн чыккан деп эсептейбиз. Махмуддун атасы Барсканда бек болуп, Ысык-Көлдүн чөлкөмүн бийлеп турган.

О.Прицак Кара кагандардын саясий тарыхын үйрөнүүдө Барскан дубанына да көңүл бөлөт. Ал араб тарыхый булак тарынан тышкары бизге чейин сакталып жеткен XI  к. кара кагандык (барскандык) тыйындарды да кылдат иликтейт.

Махмуддун «Түрктөрдүн өлкөлөрүн Саман уулдарынан жеңип алган» эмир бабалары кимдер болушу ыктымал? О.Прицак эки адамды эскерет. Бири – Аруун (Харун) алХасан ибн Сулайман ибн Сатук Буура хан. Ал 382-хижра жылы (1992-ж.) Саманийлердин баш калаасы Бухараны алгачкы ирет ээлеп алууга жетишкен. Анын Буура хан деген титулу белгилүү. Экинчиси, 389-хижра жылы (999-ж.) Махмуд Газналык менен бирдикте Саманийлердин ташын талкан кылган Наср ибн Али. Анын Арслан-элик деген титулу болгон.

Арийне, О.Прицактын пикиринде, бул кийинки төбөл – Наср ибн Али – Кара кагандар сулалесинин батыштык ажырымына таандык, ал эми Махмуддун ныспасы «Дивандын» автору бул сулаленин Кашкар тарапта – чыгышта бийлеген ажырымына жакындыгын көрсөтүп турат. Демек, Махмуддун өзү эскерген аты белгисиз бабасы – Аруун ибн Сулайман ибн Сатук Буура хан. (Кара кагандар сулалесин Сатук Буура хан негиздеген; анын Сулайман жана Байташ (Муса) деген эки уулу болгон).

Биздин күндөргө чейин жеткен кара кагандык тыйындарды чыгарган казыналардын бири – Барскандын бегине (араб. – «эмир») таандык болгон. Барскандык тыйындар 1048–1058-жылдардын аралыгында чыгарылган. Андагы хижра жылы көрсөткөн цифралардын алгачкылары – 44…, акыркысы (бирдиктер көрсөтүлүүчү саны) даана окулбайт. Айрымдарында гана «8» цифрасы көзгө урунат. Ал эми 448-хижра жылы (1056–57-ж.ж.) тарыхта Мухаммеддин уулу ал-Хусейин сулаленин чыгыш бутагындагы бийликке мурасчы жарыяланар жыл катары маалым.

44…-жылдын үчүнчү цифрасын башка бирдик сандар менен да алмаштырууга мүмкүн. 44…-жылдагы Барс канда бийлик кылган адамдын титулу «Шамс ад-Давла Арслан-элик» («Дөөлөт Күнү Арслан элик») деп тыйындарга жазылган. Бул адам ким? Эгерде айрым тыйындардагы «8» санына ылайык 448-жылды аныктасак, ушул жылы жана ага чейин Барсканда өзүнүн «элик» («бийлик эгеси», «бек») титулу менен бийлик жүргүзүп турган кара кагандык канзаада ким болду экен?

Биринчиден, Махмуд ал-Кашгари өзү теңир-тоолук түрктөрдүн «эң ак сөөк тектүүсүнөн» экенин эстесек, «Дивандагы» Хусейин Барскандан чыккандыгы тууралуу жазылган саптар Хусейиндин Барсканды бийлеп тургандыгы жөнүндө түшүнүккө алып келүүсү мүмкүн.

Ал эми араб жылнаамаларында Хусейин деген кара кагандык канзаада тууралуу айрым маалыматтар кезигет. Бизге жөн гана Хусейин керек эмес. Махмуддун ысымынын толук жазылгандагысын эстесек, анда анын атасы Хусейин ибн Мухаммед керек!

О.Прицак арабдын ири тарыхчысы Ибн ал-Асир (XIII  к.) жазган «Та’риихи л-каамил» («Ийисине жеткирилген тарых») эмгегиндеги маанилүү кабарга 448-хижра жылына байла ныштуу көңүл бурат. Төмөндө биз шилтеме кылаар үзүндүдө атактуу Кадыр-хан Йусуф (Жусуп ибн Аруун ибн Сулайман) тууралуу айтылат. Кадыр хан Жусуп болсо 992-ж. Саманийлердин байтактысына алгач кол салган адамдын – «Дивандагы» табышмактуу «бахаркин» (хэмир-тегин же чагры-тегин) титулунун ээсинин уулу.

Кадыр хан Жусуп Кара кагандар дөөлөтүнүн саясий тарыхында каган катары өзгөчө маалым. Бир катар «ыйык согуштар» жүргүзүп, ал каганаттын түштүк-чыгыш, чыгыш жана түндүк-чыгыш чек араларын кеңейткен. Анын лакабы (ызаат ысымы) «Наасыру д-давла, маа лику л-машрык ва с-Сын» – «Мамлекеттин жеңүүчүсү, Чыгыш менен Кытайдын бийлик эгеси» аттуу лакап эле. 1024-жылдан тартып улуу каган болгон Кадыр хан Жусуп 423-хижра жылы мухаррамда 1032-ж. декабрда кайтыш болгон.

Ибн ал-Асир жазат: «Ал (Кадыр хан Жусуп – Т.Ч.) өлгөндө артында үч уулу калды, алардын бири – Абу Шужаа Арслан хан. Ага Кашкар, Котан жана Баласагын тиешелүү эле… Анын лакабы (ызаат ысымы) «Шарафу д-даула» («Мамлекеттин сыймыгы») эле. Ал эч качан арак-шарапка жолобогон. Ал кадырман киши эле, өзүн көздөй туш-тараптан агылган аалымдарды жана диниятчыларды ызааттай билген… Кадыр хандын дагы бир туя гы – Буура хан ибн Кадыр хан эле. Ага Тараз менен Испижаб тиешелүү болгон. Бирок анын бир тууганы Арслан келип, анын дубанын тартып алды. Ошондо алардын урушу башталды. Арслан хан качып, бирок тутулуп калды. Аны зынданга салышты. Буура хан болсо анын өлкөсүн бүт багынтып бийлеп калды».

Буура хан титулун алган бул кагандын аты Мухаммед эле. Сулайман ысымдуу Арслан хан менен Мухаммед Кадыр хандын үчүнчү бир тууганы – Арслан-тегин экенин да Ибн ал-Асир эскерет.

«Каваму д-давла» («Мамлекеттин таянычы») лакабы менен да белгилүү болгон Мухаммед Кадыр хан Чыгыш Кара кагандар дөөлөтүнүн улуу каганы даражасында турду.

Бул мезгил хижранын 448–449-жылдарын (1057– 1058-жж.) өз ичине камтыйт. Сулайман Арслан хан болсо өз бир тууганынын туткунунда кала берди.

«Андан соң, – дейт Ибн ал-Асир, – Буура хан (б.а., Мухаммед ибн Кадыр хан Жусуп – Т.Ч.) бийлик тизгинин Хусейин Чагры-тегин деген ысымы бар өзүнүн улуу баласына өткөрүп берип, аны өзүнүн калайыкка жарыялаган мураскору кылып койду».

Бул 449-хижра жылында (1057–58-жылдан) кеч эмес аралыкта, Мухаммед Буура хан тирүү кезинде болуп өттү. Ушул жерде О.Прицак эске алган тыйындардай башка да 1970-ж. Чүй өрөөнүнүн Аксуу (Беловодское) кыштагынан табылган теңгелерди айта кетүү керек. Аларды жарыялаган Б.Д.Кочнев менен М.Н.Федоров Барскандан чыккан тыйындарды да белгилешет. Маселен, 440–449-хижра жылдары Барскандан чыккан тыйындар «Арслан-тегин» жана «Арслан-эликтин» (орусча адабиятта «Арслан-илек» деп жазылууда) атынан чыгат. Мындагы ты йындардын биринде «Арслан-эликтен» башка да «Буура хандын» ысымы түшүрүлгөн экен. Бул тыйын 44-…-жылы чыккан (үчүнчү саны таптакыр окулбай калган). Ушул тапта Германияда жашап жаткан нумизмат (ты йын изилдөөчү) М.Н.Федоров «Арслан-тегин» менен «Арслан-элик» экөө тең бир гана адам жана ал – Мухаммед Буура хандын иниси деп божомолдойт. Пикирибизде, ушул «Арсланэликти» жогорудагы Ибн ал-Асирден келтирилген Хусейин Чагры-тегин болсо керек деп болжолдоого негиз бар.

Бул үчүн Хусейин ибн Мухаммед өз тагдырында «Чагры-тегин» деген да, «Арслан-элик», «Арслан-тегин» деген да титулдарга эгедер болгонун далилдөө керек эмеспи. Орусиялык ири нумизмат Е.А.Давидович айым өз макалаларынын биринде М.Н.Федоровду сындап келип, Кара кагандар дөөлөтүндө бирдей эле титулду, ар башка мезгилде ар кыл бийлик эгелери алып жүргөндүгүн жана тескерисинче, бир эле бийлик эгеси өзүнүн саясий абалынын сөз жүзүндө же чындыгында эле өзгөрүүсүнө байланыштуу өзүнүн титулун алмаштыргандыгын көңүлдө тутуу керектигин жазат. Демек, Хусейиндин «Чагры-тегин» титулун соңку «Арслан-элик» даражасын алганга чейин ки даража катары түшүнүүгө мүмкүн. Махмуд алКашгари өзүнүн сөз жыйнагында араб окурманына «чагры» сөзүн «шумкар» маанисинде которот жана «Арс лан» деп бийлик эгелерин атап коюшарын баяндайт. Ал эми кеп маанилүү «тегин» сөзүнүн бир мааниси «канзаада», «хандын тукуму» экенин сыпаттап берет. Демек, «тегин» кийин «элик» болушу анын мансаптык ээсинин жеке саясий тагдырына байланыштуу.

«Арслан-элик» титулуна эгедер болгон барскандык бекти биз бир жагынан Мухаммед Буура хандын улуу баласы Ху сейин менен жакындаштыралы да, экинчи жагынан Махмуд Кашгаринин Барскан калаасынан чыккан ак сөөк тектүү атасы Хусейин ибн Мухаммед менен жакындаштыралы. О.Прицак, кийинчерээк К.Кар аев, Р.Данкофф, Ж.Келли жана ушул саптардын ээси ушул божомолду чындыкка ылайык келет деп эсептешет.

О.Прицак Махмуд Кашгаринин ата-бабаларынын өмүрү тууралуу төмөндөгүдөй жоромолун ортого салат: Аруун ибн Сулайман 992-ж. өлгөнү анык. Анын уулу Жусуп Кадыр хан бул кезде бери болгондо жыйырмага чыксын дейли.

Карыя болуп калганында, 1032-ж. ал дүйнөдөн кайтат. Анын алтымыш жашка чыгып өлгөнүн жоромолдосок (992-жылдан бери кырк жылдын жүзү өтөт эмеспи), ал хижранын 360-жылдары (971–980-жылдар аралыгында) туулган деп айта алабыз.

Анын улуу баласы Сулайман ибн Жусуп Йаркент калаасында бери дегенде 407-хижра жылынан (1016–17-жж.) тартып өкүм жүргүзгөн. Себеби анын 407–412-жылдары (1016–1021-жж.) ушул калаада өз наамын басып чыгарган тыйындары сакталган. Экинчи уулу Мухаммед ибн Жусуп болсо өз агасынан анча деле кичүү эмес. Себеби ал хижранын 449-ж. (1057–58-жж.) өзүнүн улуу баласы Хусейинге хандык тагын мурастап берип жатпайбы. Божомолду улантып, Мухаммед Буура хан хижранын үчүнчү кылымынын 80-жылдары (991–999-жылдар аралыгында) дүйнөгө келди деп эсептейли. Ал эми анын улуу уулу Хусейин атасы жыйырмадан ооп, отуздун кырына чыга электе, хижранын 400–409-жылдары (1010–1019-жж.) жарык дүйнөгө келди деп жоромолдосок болот. О.Прицак ушундай иреттеги божомол менен Хусейин ибн Мухамеддин уулу болгон айтылуу даанышман тилчи Махмуд Кашгари дүйнөгө хижранын IV кылымынын жыйырманчы жылдарынын ичинде (1029–1038-жж.) келген, – деп тыянак чыгарат. Демек, Махмуд Кашгари өзүнүн энциклопедиялык мүнөздөгү эмгегин кырк менен элүү жашынын ортосунда жазып бүтүргөн экен деп эсептөөгө болот.

Ошентип, Хусейин 449-ж. (1056–1057-жж.) атасы Мухаммед Буура хандын сүймөнчүк уулу иретинде бийликти колуна алып, мураскор аталды. Бул жылы Хусейин өз тыйынын дубандык бек катары Барскандан да чыгарган эле.

Бул кезде Махмуд эр жигиттин курагына жетип, толукшуп, бери дегенде жыйырма жетиге чукулдап калган. Анын өтө жогорку деңгээлдеги билимге ээ экендигин көңүлгө тутсак, бул кезде Махмуд Барсканда эмес, Кара кагандар дөөлөтүнүн аймагындагы илимий чордондордун биринде же таптакыр эле Ортоңку Чыгыш шаарлары тарапта окуп жана жашап, билимин өркөндөтүп жаткан деп түкшүмөлдөөгө мүмкүн. Айтор, кандайдыр бир себептер менен Махмуд Кашгари атасынын, үй-бүлөсүнүн башына түшкөн мүшкүлдөн аман калат. (Бул окуя жөнүндө төмөндө учкай токтолобуз.)

Махмуд Кашгари кайсы жерде туулган? М.Ш.Улкуташыр, Эд. Трыярски ж.б. изилдөөчүлөр Махмуддун атасы Хусейин Барскандан Кашгарга көчүп келгенде туулган болсо керек дешет. Синьцзяндык уйгур котормочулары «Дивандын» автору Кашкарга чукул жерде, атап айтканда, же Артыштын Азак кыштагында же Тогузактын Опал кыштагында дүйнөгө келген деп санашат. Көрүнүктүү чыгыш таануучу Ахмед Зеки Велиди Тоган болсо Махмуд Кашгаринин түпкү журту Барскан экендигин («Aslen Barsganh olan miiellif…») белгилеген. Кыргызстандык иликтөөчүлөр, географ С.Ө.Өмүрзаков менен тарыхчы-чыгыш таануучу Ө.К.Караев дагы Махмуддун туулуп-өскөн жери катары Теңир-Тоонун койнундагы Ысык-Көл боюн көрсөтүшкөн. Ал эми «Дивандын» англисче котормосун жүзөгө ашырган Р.Данкофф менен Ж.Келли Махмуддун төрөлгөн жери катары анын атасы бийлеген Барскан калаасын көрсөтүшөт. И.В.Стеблева да Махмудду Барскандан чыккан, – дейт. Ал эми Петербургдук профессор, маркум А.Б.Халидов болсо Махмудду Ысык-Көл боюнан же Чыгыш Түркстандан чыккан деп эсептеп, анын энчилүү ысымы катары «ал-Кашгариден» башка да «ал-Барсхани» ныспасын чарчы кашаага жазып калыбына келтирет.

Биздин оюбузча да, Махмуддун туулган жери – Барскан. Өзүнүн киндик кан тамган жери Барскан жана жалпы эле Ысык-Көл бою жөнүндө, бул аймактын негизги калкы болуп, сулалени түзгөн кагандардын башкы таянычы болуп эсептелген чигилдер тууралуу, ошондой эле жарым көчмөн барскандыктардын тили (говору) жөнүндө өтө бай маалыматтар «Дивандан» кезигет. Мындай мол маалымат өзү дурус билген жана анысын төкпөй-чачпай берүүгө умтулган авторго таандык болору түшүнүктүү.

Албетте, Махмуд Кашгари Теңир-Тоонун башка чөлкөмдөрү тууралуу да көп кабарлар калтырган. Бирок биринчи орунда Ысык-Көл боюн назарында туткан десек ашыкча кетпес элек. Ал өзү чийген дүйнөнүн тегерек картасында да дүйнөнүн чордону катары Ысык-Көлдү көрсөтүп, жанындагы тегерек чекит менен билдирилген аты жок шаарлардын арасында бир гана калаанын – көл боюндагы бир дубан элдин саясий жана мад аний чордону болгон Барскандын атын даана (катасыз) жазган.

Махмуддун балалыгы көл боюнда өткөнүнө кыйыр далил кызматын аткаруучу жагдай иретинде ал өзү «Диванында» сыпаттаган «мөңүз-мөңүз» («мүйүз-мүйүз») оюнун бир макалабызда («Ленинчил жаш», 1987, 28-ноябрь) эскерген элек.

Оюнду сыпаттоосун Махмуд ал-Кашгари бул оюнга катышуучу балдар көл жээгинде тизелеп отура тургандыгын жазуу менен баштайт. Ал саптарды автор көл боюнда өткөн бала чакты эскерген учурунда жазды бекен деп божомолдоого да мүмкүн.

Карт тарыхтын жылнаамалары айгинелегендей, Хусейин ибн Мухаммед мураскор болуп жарыялангандан көп узабай, анын үйүнө капсалаң түштү.

Ибн ал-Асир жазат: «Ал эми Буура хандын (Мухаммед дин – Т.Ч.) дагы бир аялы бар эле, анысынан уул көрүп, ал кичинекей эле. Аялын бул окуя (өгөй баласынын мураскор болушу – Т.Ч.) кыжырлантты да, ал аны уулантып салууну чечти…» Мындагы «уулантып» сөзү өтө маанилүү илинчек боло алат.

«Диванды» барактайбыз да, төмөнкүдөй саптарга үңүлөбүз: «Сыгун-самур – бир жайдын аты. Биерде Буура ханга уу ичирилген». Махмуд Кашгари бул саптары менен өзүнүн чоң атасынын акыреттик сапары тууралуу баяндап жатат деп боолголоо ылайык.

Айтмакчы, Ө.К.Караев Буура хан өлтүрүлгөн жыл Ибн ал-Асирде 439-ж., ал эми тарыхчы Бейхакиде – 449-хижра ж. (1056–1057-жж.) деп белгиленгенин көрсөтүп, кийинки автордун датасы чындыкка ылайык экендигин адилет айткан.

Бул саясий дүрбөлөң даанышман тилчинин тагдырында кескин бурулуш жасагандыгы шексиз. О.Прицактын божомолунда бул капсалаң убакта эптеп аман калган адамдардын бири – Махмуд болгон. Ал качып, Кара кагандар дөөлөтүнө коңшу түрк өлкөлөрүнө өткөн. Он чакты жыл жер кезген соң, акыры Багдадга келген да, ал жерде саясий качкын иретинде жашап калган…

Өзүнүн замандаштарынын ичинен Махмуд бир катар тектүү адамдарды эскерип, алардын ичинен Низам ад-дин Исрафил Туган-тегин ибн Мухаммед Чакыр Тоңа-ханга өзү бетме-бет маек курган адам катары шилтеме берет. Ал эми Комук (Кумук) деген энчилүү атка токтолуп, «Дивандын» автору өзү бир катар убакыт чогуу жүргөн эмирдин (арабдын бул сөзүн «бек» деп да, контекстке карай «кол башчы» деп да түшүнсө болот) ысымы катары аны өзгөчө белгилейт.

Ошентип, Ата Журтунда ич ара саясий күрөш курчуган кыр даалда Махмуд жер кезүүгө мажбур болгон. «Дивандын» кириш бөлүмүндө автор: «Сыноосуна баштан өткөн жылдардын, кылып келдим туруштук» – деп жорго сөз менен өзү тууралуу айтат.

Махмуд эмгегинин эч жеринде өзүнүн илимпоздук саякатынын багытын тактап эскерген эмес. Бирок өзү кыдырып чыккан түрк элдеринин негизгилерин китебинин кириш бөлүмүндө санап бергени үчүн эле улуу илимпозго өзүнчө ыраа зылык билдирсек болот:

«Мен өзүм алардын (түрктөрдүн) тили өткүр чеченинен, айтары ачык жетигинен, көөдөнү эң тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн-огуз, чигил, йагма, кыргыздардын талаа ларын жана калааларын изилдедим, алардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, (жыйнагымдын) тартибин татыналай өтө сымбат кат кылдым», – деп жорго сөз менен жазат.

Бул үзүндүдөгү «түрк» этноними өзүнчө бир түрк этносун эмес, түрк тилдүү калктардын ири этностук жалпылыгын туюнтат. Ушу тизмеге кирбеген, бирок өзү аралап, дурус үйрөнүп чыккан түрк элдеринин катарына аргу, басмыл (көчүрмөдө – йасмыл), йабаку, кыпчак, карлук, кенжек, ограк, тухсы, уйгур, чарук, чөмүл этносторун кошо алабыз.

«Диванда» эскерилген ырларда же топонимдерде Иртыш, Үтүкен, Катун-Сыны (чыгыш тарапта), Булгар, Сувар, Итил (батышта) наамдары кездешет. Маселен, «Итил суусу» айтылган ыр парчасынан улам айрым изилдөөчүлөр Махмуд Кашгари ушул дарыя боюндагы булгарларга чей ин барган деп эсептешсе (башкыр профессору Н.А.Мажитов да ушундай пикирде экендигин биз менен 1997-жылдагы маегинде тастыктады), кийинки кездерде Махмуд Кашгари бул ырды Орто Азиянын аймагынан эле жазып алышы мүмкүн экендиги, итилдик калктардын Орто Азия менен карым-катнашы тыгыз болгондугу тууралуу тыянак чыгаргандар да бар. Кийинки тыянак чындыкка жакындай сезилет.

Ошондой эле Катун-Сыны шаарындагы түрктөр менен тануттардын 1028–1036-жылдарга чейин созулуп келген уруштары чагылдырылган дастандын парчалары Махмуд Кашгариге кимдерден маалым болгон деген суроого: чыгыш түрк калктарынын бир канча тобу, анын ичинде ганьчжоулук айрым түрк этностору, XI кылымдын биринчи үчилтигинде Чыгыш Түркстанга чейин келгендигинин натыйжасында бул дастан Кара кагандык түрктөрдүн же алардын «ирегелеш» коңшулары – уйгур, басмыл, кыргыз, йабаку ж.б. элдерге жаралып, аларды эрдикке, Ата Журтту сүйүүгө жана коргоого үндөгөн. Дал ушул теңир-тоолук калктардан Махмуд Кашгари дас тандык үзүндүлөрдү көчүрүп алган.

«Тилдердин ичинен эң шаңдуусу,– деп жазат Махмуд Кашгар и,– огуздарга таандык. Эң туурасы – йагма, тухсыга жана Иле, Эртиш, Йамар, Этил дарыяларынын өрөөндөрүндө жайгашып, Уйгур өлкөсүнө (Турпан идикуттугуна – Т.Ч.) чейин конуш тапкандарга таандык». Бул үзүндүдөн Жети-Суу менен Жунгариядагы XI к. үчүн жергиликтүү түрк калктары (йагма, тухсы, кыпчак, кыргыз, чигил, ограк, уйгур, чарук ж.б.) гана эмес, жаңыдан бул аймакка чыгышында – Монголиядан (кай), батышында – Итилден (батыш кыпчак) ооп келишкен көчмөн этностук бөлүкчөлөр эске алынышы мүмкүн.

Кыргыз, кыпчак, огуз, тухсы, йагма, чигил, ограк, чарук элдеринин: «Нукура түркчө жалгыз тили бар», – деп ишенимдүү жазып келип, Махмуд Кашгари Борбордук Азиянын чыгыш чөлкөм дөрүндөгү көчмөн элдерден чөмүлдөрдү: «Өзүнчө бир чалды-куйду тили бар жана түрк тилин да билишет», – деп кызыктуу сыпаттайт.

Махмуд ал-Кашгаринин Энесайга чейин жеткендигине ишенүү кыйын. Аман Газиев (В. М. Плоских, В.П.Мокрынин жана алардын жазуучу шериги) жазган айрым чыгармаларда Махмуд ал-Кашгари тээ Кем дарыяс ына чейин жетип, Барсбек үчүн арналган кошоктон бери окуп кайткандыгы белгиленет. Бирок «Дивандагы» маалыматтар анын автору Энесайга (Кемге) чейин жеткендиги тууралуу жыйынтык чыгарууга эч мүмкүндүк ыроолой албайт. Биз кыргыздардын тобуна Махмуд ал-Кашгари Теңир-Тоо аймагынан эле жолуккан деп эсептейбиз.

Махмуд Кашгари өз эмгегин алгачкы редакциясынан акыркысына чейин дал ушу Селжук огуздары саясий бийликти жүргүзүп келген Ортоңку Чыгышта XI к. 72–77-жылдарында жазып бүтүргөн.

Махмуд Кашгари өз эмгегин баш пааналап барып жазып бүткөн бул чөлкөмдөн кайра ал өз Ата Журтуна кайт ты бекен жана ал каерде, кайсы жылы дүйнөдөн өттү экен? Бул суроого, албетте, анын жападан-жалгыз «автобиографиялык» булагы болгон «Диван» жооп бере албайт.

Жыйынтыктасак, солгунураак топтолгон даректер азырынча Махмуд Кашгаринин каза тапкан соң кайсы жерге жана канча жашында коюлгандыгы тууралуу маселени толук бойдон чечилди деп эсептөөгө мүмкүндүк бере албайт. Аалымдын өмүрү сырга кандай бай болсо, ошол бойдон табышмактанып кала берүүдө.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН

ОСМОНАЛЫ СЫДЫК УУЛУ

Осмоналы Кыдык уулу 1879-жылы туулган. Билим алуу жолуна эрте кадам таштаган. Агасы Жаркымбай чоң молдо болуп, мечит, медиресе салдырып, элинин билимдүү болуусун эңсеген. Абайылда тукумуна билимге умтулган адамдардан болгону атамдын тарых китебинде айтылып турат.

Ошолордун ичинен тарых жазууга бел байлап чыккан менин атам болгон. Тарых жазуунун бир себеби, Бухарда окуп жүргөндө башка улуттун балдары: «Кыргыздын атасы жок, кыргыз кырк кыздан туулган, атаң болсо тарыхың болмок, тарыхы жок элдин атасы да болбойт» деген шылдың сөздөрдү айтып мазакташат. Ошол сөз жанына батып, кыргыздын тарыхын жазып, кыргыздын атасын таап чыгам деп бел байлап аттанып чыгат. Эрте кадам таштаган дегеним: Бухардан медиресени бүтүп, Ооганстанга барып окуп, тарых китептерди оодарып, кыргыздын түпкү атасы Огуз хан экенин бир зор китептен таап чыгып, ошондон кыргызды тарата баштайт. Бул жактагы урууларды изилдеп бүтүп, Кытайдагы чоң багыш уруу суна 1901-жылы 22 жаш курагында барган экен.

Атам араб тили менен фарс тилин абдан терең түшүнгөн. Ага далил: өзүнүн жазган эки китебинин ичинде, араб менен фарс тилдеринен көп аралашкан. Арабдын тарыхый инсандары, жер аттары да бар. Буга Кытайдын тарыхчысы Анвар Байтур туура жана так түшүнүк берген.

Абайылданын он эки уулу болгон. Эң улуусу Нарбото, Шербото, Төрөгелди. Ушул үчөө тең бирдей баатыр болушкан. Төрөгелдинин ысмы тарыхта дастан болуп айты лып калган. Бул дастан Жети-Өгүз районунун Алкым айылында жашаган Жылкыбаев деген кишинин колунда турат. Ошол он эки уулдун эң кенжеси Кыдыктан жети уул. Биринчиси – Жаркымбай молдо, экинчиси – Чопой, үчүнчүсү – Осмоналы, төртүнчү уулу Самудин. Ушул кезде ошол төрт атадан тукум бар.

Абайылданын Ыбыке деген уулунан Канат баатыр.

Баатыр деп атаганым мындай: мен Кытайда окуп жүргөндө Казактын «Алибатыр» деген китебинен:  «Кыргыздан Канат деген баатыр шыгып, Алыпты атакелеп колга тууын» деген сөздү окуган элем, көрсө, өзүмдүн чоң аталарымды окуп турмун.

Канаттан Ыскак, Карыпбай, Жапар деген үч уулу болгон. Ыскак менен Жапар Уфа шаарынан окуган. Жапар андан кийин орусча да окуп, жогорку билимдүү бол гон деп айтылат.

Канат Шабдандан кийин Шабдандын ордуна отуруп эл башкарат. Элге өтө кайрымдуу, боорукер жана адилеттүүлүк менен иш жүргүзгөн, дин үчүн жанын курман кылып, өз улуту үчүн жүгүргөн адам экен. Мен буларды баяндап жаткан себебим, менден көп сурап калышат. «Осмоналы кайсы уруудан же болбосо ошол атадан атактуу адамдар болуптурбу?» деген суроону беришет, бул бир жагы. Экинчи жагы, кээ бир изилдөөчүлөр туура эмес түшүнүк берип жүрүшөт. Ошондуктан атам Осмоналынын айлана-чөйрөсүн толугу менен тааныштыра кетүүнү туура таптым.

Эми Осмоналыдан бул жакта төрт кызы калган, эркек баласы болгон экен, бирок кичинекей кезинде чарчап калган. Кытайдан эки эркек, бир кыз. Агам 44 жашында 1980-жылы кырсыктан каза болгон. Азыр өзүмдүн апам Гүлбара 85ке келди.

* * *

Кыргызды кырк кыздан туулган – деп, Масур айткан кыргызды келекелеп.

Бул ойду Осмоналы четке кагып,

Аттанган: «Түпкү атамды таап чыгам» – деп. Акыры кырк кызга сокку берген, Эл кыдырып санжыраны бирден терген. Эл үчүн кылган кызмат унутулбай – Артымда «мурас» болуп калар деген.

Ошол кыргызды шылдың кылган Мансур шайхи 858жылы Ирандын Тур деген шаарында туулган. 922-жылы ислам динине тескери үгүт жүргүзгөнү үчүн аны арабдын Халифасы тарабынан кескилеп өлтүрүшөт (Анвар Байтур). Ушул тарыхты жазып жүргөндө көптөгөн кый ынчылыктарга дуушар болот. Бир жолу Көл жакка келатса алдынан бир топ жасоолдор чыгып калат, саламдашып келе жаткан жайын айтат, бирок тигилер жылдырбай туруп алышат экен.

  • Атыңды бергин, биздин атыбыз чарчап баспай калды,– дешет тигилер.
  • Анда чарчаган атыңарды маган бергиле, мен жөө калбайын, – десе тиги кызыл чоктор болбой коюшат. Ошону менен атын тартып алып алар жолго түшөт, атам болсо жөө калат. Куржунду ийинине салып алып жөнөй берет. Ошентип бир айылга туш болот экен. Ошол айылдын бир байынын үйүнө конок болуп калат, ал адамдын аты Байгазы деген адам экен, атамды кондуруп, эртеси астына ат мингизип жөнөткөн деп айтып берген. Ошол тууралуу жазган ыры бул:

Бир үлкөнү Байгазы,

Хатемтайга окшайды.

(Хатемтай – арабдын берешендүүлүгү менен атагы чыккан шайыры.) Кызыл чоктон кордук көргөндө минтип жазганы бар:

Кызыл чок деп Пржевалдын тайганы бар, Ал тайганга жолуксаң заманаң тар. Мусулманга көз болбосун ойбай кудай, Жигиттиктен түшкөн күнү кудай урар.

Казактын баш-аягына көз жетпеген чөл талаасында таңдай катып, тааныбаган чоочун элдин эшигин ачып, коломтосуна жылынып жүрүп, казак менен кыргызды бир атанын баласы экенин аныктап чыгат. Мына ошентип жер кыдырып, эл аралап, өзү айткандай кара булуттарга капталып, ысык күндөргө какталып, эчендей кый ынчылык күндөргө дуушар болуп, мусапырлыкты башынан өткөрүп жүрүп жазгандарын Уфа шаарынан басмадан китеп кылып чыгарат. Ал жакта айлап-жылдап жүрчү дейт. Сокулукта Зейнеп деген чоң эжебиз болгон экен, ошол эже атам Уфа шаарынан келер кезинде, Бишкектин поезд келер жолуна ак чатыр тигип алып, күтүп жатчу экен. Уфа шаарында жүргөндөгү кыйынчылыгын минтип айтат:

Осмоналы мен өзүм, Жана калды кеп сөзүм. Жатып шаар Уфада, Мусапырлык бул кезим.

Ошентип элдин кызматын кың дебей моюнга көтөрүп, ошол эмгекти өзү сыймык көрүп, караңгыдан элиме жол таптым го деп көңүлү жайланып, санаасы тынып калган кезде «Осмоналы эл душманы» делинип күйгөн отко суу куйгандай жалп этип барып жок болбодубу! Бирок «ак ийилет, сынбайт» деген сөз таап айтылган тура. Бизге кайра куруу мезгили, акыйкаттык чындыкты өз колубузга кайрып берди. Мен ушул мезгилге чын жүрөгүмдөн ыраазымын! Себеби кайра куруу шарапаты болбосо Ос моналы ошол өчкөн бойдон кайра тутанмак эмес. Элге деген эмгеги элине кызмат кылбай, таман астында тебеленип белгисиз болмок эле. Кудай жерибизге тынч тык берип, элибизди жамандыктан сактасын!

Биз Кытайдан 1956-жылы келдик. Ошол жылы Бишкектеги чоң апам Алтынайдын колунда үч айдай турдум. (Алтынай атамдын бул жакта калган байбичеси.) Атамдын бул жерде төрт кызы менен байбичеси калган. 1930-жылы «Осмоналы эл душманы» деп түрмөгө камайт.

Эмки сөз чоң апам Алтынайдын айтып бергени: Бишкектин түрмөсүндө бир жылдай жаткандан кийин Ташкендин чоң түрмөсүнө алып кетет. Ал жакка кеткенден кийин бир топ айлар өткөндө чоң апама атамдан кат келет, катта мындай деп жазылган: «Алтыке, мен аман-эсен турам, колуңдан келсе мага келип кет, саган айтар сөзүм бар эле, кат менен айтканга болбой турат» деген гана сөз жазылган экен. Кат келери менен араң турган чоң апам жолго чыгат. Поезд менен Ташкенге жол тартат. Кетип баратып жолдон түшүп калат. (Ушул жерден эмне үчүн түшүп калганын сурабаптырмын.) Артымда асынган баштыгым бар дейт. Ээн талаа, айыл жок, жолумдун баары эле саз, курсагым ачканда кургак нанды сууга малып жейм, суусаганда саздын суусунан ичем. Кетип эле баратам кеч болуп калганда бир жерден жалгыз үй көрүндү, барсам казактын үйү экен. Кудайы конокмун десем кондурду. Ошентип, кум басып, сазды кечип жети күн жүрдүм. Алсырап абдан кыйналдым, жетинчи күн болот дегенде кечинде дагы бир үйгө келдим, жакшы адамдар экен, астыма жумшактап төшөгүн салып жаткырып койду. Эртең менен турайын десем тура албайм, этим ысып, катуу жөтөлүп ооруп калыптырмын. Канча күн ачка болуп, көрсө ошол ачкалык жана саздын суусу көтөрүп чапкан тура. Ал жерде он беш күндөй жаттым. Жакшы казактар экен, колунан келгенин аяшкан жок. Бир аз жакшы болуп баш көтөргөндөн кий ин кайра жолго чыктым. Ошондо молдо жөнүндө эч кимге эчтеке айтпайм, анткени кондурбай коёбу деп корком. Эмнеге баратасыз жалгыз, ээн талаа менен эмнеге жол бастың дешип шек санагандай болушат. Ошол жакта бир тууганым бар эле, ошону издеп баратам деп жооп берем. Ошентип отуруп Ташкенге да жеттим. Сурап жүрүп чоң түрмөсүн таптым, бирок эмне деп сурарымды билбейм. Өзү чыгып келчүдөй болуп дарбазанын түбүндө үч күн отурдум. Саргайып дарбазаны тиктеп отурганымда эшик ачылып, түрмөнүн ичинен кишилерди тышка чыгарып жатат. Мен ошол адамдардын арасынан молдону (апам атамды Молдо деп, атынан айтчу эмес) издеп атам. Бирок Молдо көрүнбөйт, оюма алда эмнелер келип акыр заман башыма түшүп, көзүм караңгылап турганымда элдин эң артынан көзүмө чалдыга түштү, сүйүнүп кетиптирмин: «Молдо!» – деп кыйкырып жибериптирмин. Ал кезде жан кулактын учунда болуп турган кез, күн сайын жаман кабарлар элдин үшүн алып, тынчын кетирип турган эле. Ошондуктан Молдону тирүү көрөмбү, же алда кандай жаман кабарды угуп каламбы деп өзүм чочуп турганымда көрүнө калганда ачуу үнүмдү чыгарып жибергенимди билбей калдым. Аңгыча кулагыма: «Алтыке!» деген сөзү угула калды. Көзүм көрбөй калган окшойт, кайдан үн чыкканын таппайм. Бир кезде карасам айдап бара жаткан киши менен бирдеме деп сүйлөшүп турганы көзүмө уруна түштү. Аңгыча жаныма жакындап калыптыр, жетип келип мени кучактай калды.

– Алтыке, мен аман-эсенмин, көзүңдү аччы? – деген үнүн угуп эсиме келдим. Ошентип жанында үч күн болдум. Атаңдын кийими кир болчу эмес, абдан таза жүрчү эле, карасам жеңинин кыры кир болуп, жакасы майланышып калыптыр. Ошол кейпин көрүп ыйлап жибердим, мурун мындайын көрбөгөн жаным анык мусапырчылык башына түшкөнүн сезип токтоно албадым. Кеткенче кирин жууп, жыртылган жерин жамап, үч күн чогуу болдум. Андан көпкө турганга түрмөнүн чоңдору көнбөйт экен. Мен кетерде Молдо чекемден өөп коштошуп жатып мындай деди: – Алтыке, үйгө аман-эсен адашпай жеткенден кийин, аркы-берки чарбаңды бүтүп алып, акча алып кайра кел. Кудай буюрса акча берсем ушул жерден бошончудай болуп турам. Түр мөнүн эшигин кайтарган менен сүйлөшүп койдум, 200 сом берсең макулмун дегендей айтты.

Мен кайра келгенде адашпай үйгө түз эле келдим. Молдо жолдун жайын айтып берген. Баратканда адашып, ачка калганымды айтып бергенимде абдан кейиди эле. Баса, мен көргөнүмө кубанып ыйлап жатканымда минтип айтканы эсимде күнү бүгүнкүдөй: «Алтыке, сен эмне ыйлайсың, кудайга шүгүр де минтип аман көрүп турасың. Маган окшогон эчен адамдарды караңгыда алып чыгып кетип, жок кылып салып атышат. Коркп о, мен бул жерден аман-эсен кутулуп кетем». Дагы минтип айтты эле: «Үйдө калган менин жазып жүргөн кагаздарымды бекем жерге катып кой. Мен кайрылып барбай калсам кийин кыздарыма кереги тиер. Сени келгин деп чакырганым ушул. Катка бул сөздөрдү жазгандан корктум, жолдон катты башка бирөө окуп алып, ойлогон оюмду ойрон кылып койбосун дедим». Ошону менен мен үйгө (Бишкекке) келип, тез эле кайра жөнөдүм. Канча эрте барсам, Молдо да түрмөдөн бат эле бошонуп чыкчудай көрүндү. Барып, айтканын берип кайра кете бердим. Өзү айтты, сен маган карабай кете бер, мен артыңдан барам, кудай буюрса! Арадан канча күн өткөнүн билбейм, бир күнү түн ичинде келип калды. Бир топ күн элге көрүнбөй жашынып үйдө болду. Шаарда турсам дагы кармап кетеби деп айылга кетти.

Булар чоң апам Алтынайдын өз оозунан уккандарым. Эми экинчи бир мындай деп айтылган жери бар экен: ошол Ташкендин түрмөсүндө жатканда өзбектин дагы ушундай окумуштуулары бирге жатып калат. «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» дегендей, атамдын билимдүү киши экенин билишип, өздөрүнчө сөз кылып акылдашкан экен. Ушул түрмөдө кыргыздын бир чоң аалым адамы кор болуп жатат, биз акча чогултуп түрмөнүн башчыларына берип, ушу кишини качырып чыгаралы деген сөз болгон экен. Анан акча чогултуп чыга рууга жардам беришкен делип айтылат.

Муну аталаш бир тууган байкем Самудинов Садатбек илгери уккан экен түрмөдө бирге болгондордон.

Айылга баргандан кийин көппү-азбы билбейм, эл арасына «Осмоналы түрмөдөн качып келиптир» деген сөз тарап кетет. Айыл актиптеринен чыккан сөз чоң жерге чейин угулуп калат да: «Осмоналы эл душманы, тез арада кармаш керек» – деп жогору жактан буйрук келет. Ошентип, айылдан түн ичинде бир милиция менен бир айылдык актип келип кармап кетет. Жолдо (айылыбыз, же атамды кармап кеткен жер азыркы Кочкор районунун Дөң-Алыш айылы) келе жатканда атам заара ушатып алууга суранат, бирок тиги экөө болбой коюшат. Абдан жаман кыйналып кетет, ошол мезгилде жанындагы айыл актиби аттан түшүп, атын беркиге карматып коюп өзү заара ушатканга бир топ жерге кетип калат. Анын узап кетишин күтүп турган атам байкабай турган милицияны камынтпай колундагы мылтыгын тартып алат. Экөө кармашып жатканда берки айыл актиби качып алып жөнөйт. Бир аз кармашат экен, оңтою келе калып атам колундагы мылтык менен милицияны кара кушка тартып жиберет. Ал аттан кулап жерге түшөт. Турат десе турбайт, көрсө, кара кушу жарылып, ошол жерден каза болгонун көрүп, Кочкорду карай ооруканага жөнөйт. Атчан бастырууга чамасы келбей заарасы бойго тарап кеткендиктен ооруканага келип эсин жоготот экен. Мына ошентип ооруканада жети-сегиз күн жатып дарыланат. Атамдын дарыланып ооруканада жатканын эч ким билбейт. Ал жерде тааныган адамдар да болгон эмес окшойт. Ошол оорукананын догдуру орус адамы атамдын дайынын эч кимге билгизген эмес. Дарылап чыгарында справка жазып берген. Себеби кокус колго түшүп калсаң ушул кагаз саган жардам берет. Бул жазаны эч жерде колдонбойт, өлүм алдындагы кишиге да заара кылууга руксат берүү керек – деп, түн ичинде байкатпай узатып жиберген экен. (Бул айтылган сөз атамдын өзүнүн сөзү, мен өзүмдүн апам Гүлбарадан уккан болчумун.) Эми ушул сөздүн дагы бир жагы мындай: ошол милиция өлүп калгандан кийин атам Шамшыны ашып, Сокулуктагы чоң эжесинин үйүнө барып, эки ай бекинип жаткан. Ошол эже жүгөрүнүн ичине жашырган деп айтылат. Менимче, өзү айтканы чындык деп ойлойм. Ошол ооруканадан келгенден кийин, түнү менен кире жалдап үй-бүлөсү мен ен чогуу Тажикстанга жөнөйт. Тажикстандын Жергетал деген жерине барып турат. Бирок ал жер дагы орунсуз болуп калат. Себеби атам тегереги менен көп чечилип сүйлөшпөйт. Кечке үйдө болот, эртеден-кечке эрмеги кагаз, бирине жазып отурса, бирине бирдеме чийип отурат. Атамдын ушул мүнөзүн байкаган бир адам келип мын дай дейт: «Сиз менин байкашымча бул жерге бекеринен келген жоксуз. Сиздин бир чоң күнөөңүз бар. Сиздин качып жүргөнүңүз баскан-турганыңыздан байкалып турат. Бизге чыныңызды айтып бериңиз, болбосо кармап беребиз. Же болбосо мына бул кызыңызды бизге бересиз, ойлонуп көрүңүз, жакын арада жообун алабыз» – деп айтат. «Мен жанымды арачалап кызымды кантип кармата берем. Мен элиме эмнеден жаздым эле, элиме кылган кызматым «Баракелде, Осмоналы» деген сөздү айтат десем, сөз эмес, өзүм батпай калат деген ушул тура! Өз жериме өзүм батпадым, бу да болсо тагдырдын менин маңдайыма жазганы экен. Эми экөөбүз ажырашмай болдук окшойт, Алтыке. Мен партиянын даргасына асылганча өз ажалымдан өлөйүн, маңдайга жазганды көрөйүн.

Сен эми балдарды алып кайра Бишкекке жөнө, мен кечинде чыгып кире таап келейин» – деп каңырыгы түтөп, ошерден бир жашыган экен. Ошент ип, байбичесинин маңдайынан сүйүп, кыздарынын бетинен өөп, түбөлүккө кош айтышып кала берген. Арабаны көп жерге чейин ээрчип келип, шарт бурулуп бастырып кеткен. Ошол бойдон Кытайга түз кеткен эмес. Бул жактагы эжелер айтат: «Ошол күнү Кытайга кербендер менен кошулуп кеткен деп. Андай эмес экен, мен ошол кез жөнүндө, бый ылкы «Шалба-90» республикалык биринчи санжырачылардын конкурсунда уктум, ал мындай болгон: санжыра айтуу маган келгенде сахнага чыгып өзүмдү элге тааныштырып, анан атам Осмоналы жөнүндө айтып келип мындай деген болчумун: Осмоналыны биздин кыргыз элибиз анча деле биле койбос, анткени атамдын эмгеги менен кыргыз журтчулугубуз тааныш эмес да деп айттым. Түшкү тамакка чыгып баратсак бир киши жаныма жакын келип маган карап сөз баштап калды, эмне жөнүндө айтар экен деп мен дагы токтой калдым.

– Сиздин атаңызды мен билем,– деди. Мен мындай сөздү күткөн эмесмин, эмне дээримди билбей туруп калыптырмын. – Сиздин атаңыз Осмоналы биздин жер де жүргөндө айыл актиптери: «Бул адам качкын экен, эл душманы болуп камалган»,– деп угушуп кармап бермек болгондо менин атам Акмалы түнү менен Гүлчөдөн Өзгөнгө ат менен качырып жиберген экен – деп, айтып берсе атамдын катып койгон казынасы табылгандай сүйүндүм. Менин издеп келгеним ушул эмес беле! Дагы ушул жерден айта кетейин, ошол санжырада биринчи байгени жеңип алган адам Тургунбай Абдышарып уулу жаныма басып келип: – Кызым, мен сиздин атаңыз Осмоналы молдокени өзүмдүн маркум апамдан мындай деп укканмын. Менин атам менен сиздин атаңыз бирге окуган экен. Кийин ушул сиздеги китепти жазып жүргөндө биздин үйгө далай жолу келип конуп кетчү дейт. Апам сөз кылып сүйлөп берер эле атаңызды. «Мойну өрдөктүн мойнундай болгон, өңү сулуу, сүйлөп отурса адамдын уккусу келип турар эле» – деп маркум апам көп кеп кылып берчү эле деп көзүнө жаш алды. «Апам» деп айткан сайын мууну бошоп, көзүнүн кычыгына жаш ирмелип турганын көрүп турдум. Бул киши Базар-Коргондон келген. Ал эми Гүлчөдөн Өзгөнгө качырган адамдын баласы Акмалы уулу Абдыбап Алай районунан келген. Мен ушул Абдыбаптын сөзү менен Жаркымбайдын кызы Зейнеп эженин сөзүн салыштырып көрсөм, атам үй-бүлөсүн Бишкекке жөнөтүп жиберип, дагы бир топко бул жакта жүргөн сыяктанат. Ал эжебиз минтип айтат: «Мен күйөөгө чыкканы Осмоналы байкемди көргөн эмесмин. Күйөөгө чыкканыма бир жыл болуп калганда түн ичинде келип калды. Ал кезде турмушка чыккан кыздар жакын төркүндөрүнө өздөрү келип көрүнчү эмес, мен качып үйдүн артына жашынып турсам, байкем өзү келип: «Секети болоюн» – деп чекемден өөп алып колумдан кармап: «Мен кетип баратам, келемби-келбеймби бир Алла билет коштошоюн деп атайын келдим, аман болгула – деп атка минип катуу бастырып кетти. Ошол бойдон байкемди көргөн жокмун»,– деп мындан эки-үч жыл мурун айтып берген. Мындан башка эсине сактаган эчтеке жок экен. Ошентип үй-бүлөсү менен кош айтышып алып, Алай жакка барган. Андан дагы куугунтук жегенден кийин эл менен коштошуп кетейин деп жерине келген.

Кытайды карай бет алып кетип баратканда өзү жалгыз экен. Бир күнү бешим намазын окуганга атынан түшүп, суунун боюнан даа ратын алып, намазга турат. Атын тушап койгон, намазды аяктап калганда аттын ачуу кишенеп жибергенин угат да намазын бузгусу келбейт, себеби намаз окуп жатканда эчтекеге көңүл бурбай окуш керек, бул шарияттын закону. Аңгыча карышкырдын улуган үнү угулат. Колумдан эмне келет турганда дейт да намазды окуй берет. Бүткөндө туруп караса, атын карышкырлар жарып алып жеп жатканын көрүп, акыр заман башына чындап келгенин билет да, аттын үстүндөгү куржунду алууга атка жакындаса, карышкырлар алыстай берет. Курсагы ток болсо жырткычтар адамды аярын ошондо көрдүм деген экен кийин ушуларды айтып жатып. Ошентип, куржунду ийинге салып, колуна таяк алып баса берет. Кеч кирип, каш карарып калган кезде бир жактан иттин үргөнү угулат, ошол жакка карай баса берет. Чакан кыштакка келип, ал күнү ошол кыштакка конот. Эртеси конгон үйдүн ээси атама мындай деген өтүнүч менен кайрылат: «Бизди хан Жаныбек тынч койбоду, кээде малыбызды тартып кетсе, бирде келип жигиттери айылда канча актип бар, бизге ошолорду таап бергиле деп тынчыбызды алды. Ушул алакандай эл үчүн Жаныбек ханга элчиликке барып бериңиз, жаныңызга киши кошуп беребиз» – дейт. Атам макул болот да жанына сегиз киши алып, өзү менен тогуз болуп Жаныбекти көздөй жол тартат. Жаныбектин жаткан жери бир тоонун арасы экен колдоруна ак чүпөрөк көтөрүп алышып баратса, жолдогу кароолго койгон жигиттери токтотуп, Жаныбекке кабар жиберет. Жаныбек келсин деген экен, элчилерди жигиттери ээрчитип, Жаныбектин үстүнө киргизет. Кирери менен эки колун бооруна алып башын ийип салам берүү керек экен, атам болсо салам бербей туруп калат. Мурун Жаныбек деп атын угуп жүргөн экен, бирок көрбөптүр. Чүкөдөй болгон арык киши экен, малдаш токунуп отурса тизеси ээгине тийип турат, жашы бир топко келип калган кези дейт. Ошондо Жаныбектин ачуусу келип: «Бул саламы жок кайдан келген наадан?» – дегенде атам: «Үңкүрдө жаткан карышкырга да салам берчү беле?» де ген экен. Карышкыр болбосоң эмнеге өз элиңди өзүң талайсың? Үңкүргө кирип жатып албай, күнөөсүз элиңди сактап калбайсыңбы, тигил жакта элиңдин канын соруп канчалаган жакшы адамдарыңды атып өлтүрүп жатса, сен үңкүргө жашынып алып, алакандай айылды талайсың? Элде эмне күнөө, бечара элди тынч койгун деп элчиликке келдим,– дейт. Ушул сөздөр Жаныбекке катуу тийип, «Элчиге өлүм жок» деген салтты аткарбай: «Баарынын башын алгыла!» – деп жигиттерине буйрук берет. «Кайда барсам өлүм экен го» – деп ойлоп, эл үчүн өлсөм мейли деп, айтчу сөздөрүн айтып калат. Жаныбектин ого бетер жаны кашайып жигиттерине: «Алып барып баарынын башын алгыла!» деген буйругун кайталайт.

Жигиттер тогуз кишини үңкүрдөн бир топ ыраак жерге алып барып катар тизип, колдорун аркасына байлай баштайт. Атама кезек келгенде, адегенде кийимин чечүүнү талап кылышат, бирок атам чечкенге макул болбойт. Тигилер: «Кийимди кан кылбай туруп алабыз, чечкин!» – дейт. «Мен тирүү туруп силерге чечип бербейм, мени өлтүрүп туруп анан алгыла»,– деп көгөрүп туруп алат. (Ошол талаш болуп, ажалга аралжы болгон чепкенди Ооганстандан кийип келген экен, ак чепкен болчу деп айтылат. Бул атамдын өзүнүн сөзү.) Ошентип, жакалашып, жулкулдашып чепкен талаш болуп жатканда, үңкүр жактан бир атчандын катуу чаап келе жатканын көрүп калышат. Ал адам катуу кыйкырык салып, колун булгалап жакындап калат. Тиги жигиттер да жакадан колдорун бошотуп күтүп турганда: «Токтоткула өкүмдү! Ичинде Осмоналы деген киши бар экен», – деп жетип келет.

Жаныбекке кайра барганда ордунан туруп, колун берип, жанынан орун берип кетирген күнөөсү үчүн кечирим сураган экен. Ал жерде атам бир жума болот, себеби Жаныбектин жанында аттуу, баштуу, сөзгө чечен, акылман адамдар бар экен. Алар менен да санжыра чечишет, абдан коноктоп, кетээ ринде сый кылып астына ат мингизип, колуна: «Менден сага белек болсун, колуңдан түшүрбөй кармап жүргүн»,– деп алтын таяк берет. Ошону менен Кытайды карай сапарын улап жүрүп кетет.

Мына ошентип Кашкарда эки жыл мечитке имам болуп турат. Ошол эки жылдын ичинде артынан эки жолу куугун барат. Биринчи жолкусунда чайканада отурса эшиктен бир жаш жигит кирип келет, атам куугун келгенин билет, бирок сыр билгизбей отура берет. Тиги жигит атамды көз ирмем тиктей калып, артына жалт бурулуп чыгып кетет. Ошол бойдон кайра көрүнгөн эмес экен. Кийин кеп кылганда: «Ошол жигит менин кызыма үйлө нүптүр» – деп айтып берген. Мен бул жакка келгенде Касымбек жездеден: «Сиз бардыңыз беле?» – деп сурасам:

«Жок, мен барган эмесмин» – деди эле маркум. (Жазуу чу Эшмамбетов Касымбек). Кийин уксам үчүнчү кызынын күйөөсү Жакишев Өмүркул экен.

Экинчи жолкусунда барган адам менен мечитте жолугушат. Мечитте жума намазын окуп жатканда элдин арасынан чоочун кишини байкап калат. Ал киши эл менен аралашып намазга жыгылып-туруп, эл эмне кылса ошону кылып шек алдырбайт. Бир гана атам кыймыл-аракетине көз салып байкап турат. Эл тарап калганда баягы адам эшиктин түбүндө мусапыр кейиптенип атамды карап турат, атам байкамаксан болуп жанына келет да: «Жүрү жолоочум, алыстан чарчап келгендирсиң, чайканадан чай ичели» – деп өзү алдыга басат. Тиги киши артынан унчукпай ээрчип бара берет. Чайканага кирип, жайланып отургандан кийим: «Кана, жолоочум, кеп сала отур, элжурттан эмне кабар алып келдиң? Элибиз аман-эсен жатабы?» Тигил киши да тайсалдабай, ачык сүйл өшүүгө өтөт. Келген себебин айта баштайт. Осмоналынын милицияны өлтүрүп, анан Жаныбектен алтын таяк алганын, ошондон Кашкар шаарына келип туруп калганын, бүт дарегин айтып берип, Осмоналыны кайдан болсо да таап, Кытайдын өкмөтүнө карматып берип келесиң деген тапшырма менен келгенин айтып берет. Ошентип, атамды кармап берүүгө ыраа көрбөйт, ошол жерден атама: «Осмоналы Кашкарда жок экен» – деп айтып барам деп ант берет, бирок Жаныбектин алтын таягын атам тартууласа албай койгон экен. Ошондон үй-бүлөсүнө кат жиберет. Катында мындай деп жазылган экен: «Алт ыке, мусапырчылык башыма түшүп, чоочун элдин ичинде жүрөм, эртеби-кечпи адам баласынын мойнунда өлүм деген бар эмеспи, кокустан көз жуумп кетсем жанымда карап туруп, оозума суу тамызып, керээзимди угарга үй-бүлө керек эмеспи, буган эмне деп жооп айтасың?» – деп жазган. Ушул сөздү чоң апам Алтынай айтып берген. Катын окутуп алып, үч күн ыйлаганмын деди эле.

Кашкарда турсам дагы куугун келе берет ко деп ойлоп, Кулжа жакка кетмек болот. Кулжа менен Кашкардын аралыгы ат менен бир айлык жол. Жолу өтө татаал, ушул жолдон да башынан көп кыйынчылыкты өткөрөт. Ал жолдо Муз-Дабан деген өтө бийик ашуу бар. Баскан жери жалтыраган муз болот. Басып баратып артын караса азыркы баскан изи көрүнбөй калат, тынымсыз бороон уруп турат.

Ошентип, Текес бетине келип жетет аман-эсен. Текест е Көктерек деген кичинекей айыл бар. Ошол айылга бир жыл мугалим болуп туруп калат. Келерки жылы Кулжага келет, анткени Кулжада сарбагыштын чоң молдолору, атактуу адамдары турушчу. Ошолорду караан тутуп, чогуу бир жерде туруп калат. Кулжада Сталин атында гимназия болор эле, ошол гимназияга мугалим болуп иштей баштайт.

Кышында балдарды окутуп, жайкысында Күнөс, Агыяз, Туурасуу, Мылкы деген жерлерге барып, мугалимдердин үч айлык курсун ачып, билимин жогорулатууга аракет кылат. Менин апам Гүлбара менен 1933-жылы баш кошот.

Апамдын туулган жери Кичи-Кемин. 1916-жылкы чоң Үркүндө агаларын орустар өлтүрүп, атасы Дейди ажы Үркүндөн мурун Мекеге кетип, ажысы кабыл болуп, ошол жактан келбей калган экен. Азыр да КичиКеминдин жайл оосунда Дейдинин конушу, Дейдинин жайлоосу деген жерлер бар. Ошол алаамат жылдарда апам Кытайга кетип бараткан бир дунгандын арабасына жармашып алып, бир иниси менен Кулжага барат. Кийин ошол дунгандар келин кылып алат. Кытайда дунган менен кытайдын урушу болгон, ошол урушта апамдын дунган күйөөсү өлүп, апам жесир калат. Ошол мезгилде атам Осмоналы Кулжага барып калган кези болот. Жакшы жердин тукуму, жакшы адамга ылайык, өзүбүздүн элден Осмоналы деген атактуу чоң молдо келиптир, биз сени ошол киши менен баш коштуралы деп турабыз, кандай дейсиң Гүлбара?» – деп, апама жакын төркүн болуп жүргөн адамдар кеп баштап калганда, апам: «Кандай киши экен көрө йүн» – дейт. (Ошол кезде апам 27де, атам 54тө болот.) Көрсөм өңүнөн нуру тамган кара мурут, ээгинде кыркма сакалы бар, көзү өткүр сүрдүү киши экен, никемди кудай буйруп койгон экен, баш кошуп калдым»,– деп эскерет апам. Тогуз жыл бирге жашап атамдан апам бир дагы жаман сөз укпаптыр. Абдан ачуусу келгенде: «Эшек кулак!» – деп басып кетип калчу дейт. Эми апам менен баш кошуп жашаган мезгилинде болгонду апамдан угам азыр дагы. Жайкысын жайлоо го барып мугалимдерди окутуп жүргөндө мугалимдери окуп жаткан ар бир болуш мөөнөтү бүткөндө мугалимдерди окуткан акың деп майда жандыктан 20–30дан айдап келип берчү дейт. Эртең жолго аттанабыз деген күнү тегерегиндеги кедей-кембагалдарга жана жетим-жесирлерге баарын бөлүп берип аттанып кетчүбүз дейт. Атаңдын болгон байлыгы – бир куржундун эки көзү толтура китеби болчу, дүнүйө жыйганды жаман көрчү, бирөөгө жаман айтч у эмес, эгерде бирөөнүн сөгүнүп жатканын укса, ошол жерден алыстап кетип калчу. Андай адамдар менен кайрылып сүйлөшчү эмес, андай адамды «наадан» деп койчу. Молдодон ушул эки гана сөзүн уктум: «эшек кулак» жана «наадан» деген. Отурган жерде жалаң эле тарых же болбосо чежире чечүү, шарияттын жолун бузган молдолор менен дин жолун талашып жеңип чыкчу. Бир жолу бир жерден топ адамдар менен тамак жеп отурганбыз, анан колго суу куюлуп калды. Кезек Молдого келгенде колун арчыганга сүлгүнү албай койду, башка кол аачыгыч алып келгиле деп. Бул эмнеси деп карап отурсам мындай экен: биринчи киши сүлгүнүн бир жак башына, экинчиси ортосуна, үчүнчүсү аяк жагына сүртүш керек экен, анткени бирөөнүн колунун киринин үстүнө экинчи киши колун сүртүп, анан тамакка кол салса ал тамак макүрөө болот деп ошол жерден чечип берген эле.

Менден улуу бир тууган агам 1936-жылы Күнөс деген жерде 26-июнда төрөлгөн, мен 1939-жылы Мылкы деген жердин Саркобусунда 26-июнда төрөлгөн экемин. Менден кийинки бир эркек баласы атам каза болор алдында 1942-жылы төрөлүп, бир жашында чарчап калган. Атам 63 жашында безгек оорусунан 1942-жылы күз айында көз жумат. Сөөгү Текес жакта Чекирти деген жерге коюлган.

Атамдын керээзи: – Мен болсом тааныбаган эл, чоочун жерге кетип баратам, менин саган айтарым ушул, менден калган тукум окубай билимсиз болуп калбасын, окубаса, билими болбосо айбандан айырмасы болбой калат. Балдар жаш, өзүң жалгыз бойсуң, бирок эл-журт бар эмеспи, – деп көз жумган экен.

Бүбүш ОСМОНАЛЫ кызы

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

Кыргыз маданиятынын тарыхында кайра куруу сая сатына дейре, чыгармачылык өмүрү мүлдө оозго алынбаган, нечен жылдар бою кол жазмасынын дареги элге жетпей кара сандыкта бөөдө катылып жаткан, коомчулуктун барк-баасынан өксүп келаткан алгачкы окумуштуу-агартуучунун бири – Белек Солтоноев.

Белек Солтоноев 1878-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө, «Экинчи Жантай» айылында, Аяккы Үч-Булакта аюуке уруусунда туулган. Анын чоң атасы да, өз атасы да жарды кедей болгон. Бул дүйнөгө келе элек жатып, баланын жазмышы кейиштүү эле: жаштоо бала атанын мээримин сезбей калды. Солтонкелди кундактагы ымыркайдын айын укпай көзү өткөн. Мурдатан уланган салттын жосуну боюнча Кыргый жесирдин башы кайниси Солтонойго байланды. Кыргый жесир өлгөндөн калган белегим деп наристенин атын Белек коёт. А Белектин шору арылбады, багалчагы ката электен жатып жетимдиктин, жокчулуктун кордугун аябай тартты.

Замандаштардын эскерүүсүндө, көкүрөгүндө акылы тубаса зирек бала тамга таанууга жаштайынан дил-ыкласын коюп, айылдагы молдолордон араб тамгаларын эрте үйрөнгөн.

Белек тогузга чыкпай байлардын коюн багып, жалчы жүрүп, кордук, жокчулук жөнүндө эрте ойлоно баштады. Анын үстүнө Солтоной бара-бара мал күтүп, жай чарба болуп, өз баласындай Белекке мээримин чачпай, бооруна тартпаган жагы болгон көрүнөт. Солтоной Белекти тогуз жашында башынан алыш-бериш кылган Чолпон -Атадагы Массовский деген бекетчи оруска бериптир. Бекетчи орус окутам деген убадасын аткарбай, үч ай бою балага каз кайтартып, музоо бактырып коёт. Жөндөмдүү бала үч айда орус тамгаларын үйрөнүп, эжелеп сүйлөп калган. Ошол жылы Массовский Белектин зээндүүл үгүнө көзү жеткен соң, аны Караколдогу мектепке жиберет. Белек үч-төрт ай орусча окуган соң, аны жат дубадан окушка мыйзам жок деп окуудан чыгат. Ындыны өчкөн бала кайрадан Кеминге келди. Ошондо Белек көрбөгөндү көрдү, айылда төрт-беш жылдай кой кайтарды, чөп чапты, орок орду, күндү эптеп өткөрдү. Айылдаштары, теңчилик, жокчулук жөнүндө ойлонуп, бай менен кедейдин ким экендигине көзү жетип, социалдык түшүнүгү ойгоно баштады. Ал Үч-Булактагы кайтарган коюн таштап, минген өгүздү талга каңтара байлап, кийин Пишпекке жөө, жыңайлак качып кеткен.

Пишпекте падышачылык Россиянын акими, арааны жүргөн менен ак сарайдан алыс көйкаптагы шаарчада орустун алдыңкы демократиялык маданиятынын жана илиминин агартуучулары да жашашкан; калаада ар кандай жар-жамаат уюшулган айрым орус интеллигенциянын жана жумушчуларынын таптык аң-сезими мүдөөлөп, падышалык төбөлдөргө, жергиликтүү бий-манаптарга каршы нааразылыктын илеби кызый баштаган.

Б.Солтоноев тил билгендиктен Пишпектеги орустарга бат эле аралашты. Орус көпөсүнүн көмүр кепесинде баш калкалап, чочкосун карап, бир жылча жанын бакты. Бактысы ачылып, боорукер орус тун шарапаты менен бак өстүрүүчүлөрдү даярдоочу кыргыз мектебине кирип калат. Биздин божомолдо Белектин эл тарыхына, ырасымадетке, маданиятка кызыгуусуна оболу мектеп башчысы А.М.Фетисовдун таасири тийсе керек. Б.Солтоноевдин андан башка кайсыл мектептерде окугандыгын, кимдер менен баардаш болгондугун, кимден тарбия-таалим алгандыгын даректеген маалыматты таппадык. Не болсо да, Пишпектен эки жыл багбанчылыкта окуган Белек, ак-караны тааныды, ындынын өчүрбөй алдыга үмүткөр карады, илим-билим алганды дегдеп калды. Кечээ эле айылдан шаарга, жыңайлак дегдектеп качып түшкөн тирикарак кедей баласы баштагыдан тумтак өзгөрдү, аңсезими ойгонду, орус төбөлдөрү жаки бай-манаптардын ким экендигине көзү жетип, өнөр-билимдин аркасы менен элине кызмат өтөөнү ойлонду.

Үч жыл өткөн соң Белекти Солтоной эптеп таап, эс тарткан балага жашоо кыйын болуп баратканын, апасы Кыргый оорукчандыгын айтып, аны айылга чакырды.

Белек аргасыздан Кеминге келүүгө макул болду.

Орусчаны шар сүйлөп, араб, латын арибинде шыпылдата жазган карасур, шыңга бойлуу, шыргыйдай жигит 1893-жылы он алтыга келгенде Кеминдеги айылына кайтты. Жетим жүрүп жетилген уланга айылында баягыдай корсунткан мамиле азайды, тууган-туушкан, дос-жолдоштору ыйбаа кылып, жазганып калышты.

Б.Солтоноев Кеминге келгенде ата-энесин, кара жанын багуунун запкысынан үч жылча улам бир болуштун катчысы болуп жүрүп күн өткөрдү.

Орус кембагалдарынын таптык таасири тийген, жаңы ойлор, кыялга баткан Белек өзүнүн карандай мээнети, зиректиги, өжөрлүгү жана өзүн өзү тарбиялай, багытты, максатты туура алгандыгынан турмуштун оң жолуна түшкөн. Духу жана зээни күчтүү баланын көзүн турмуш эрте ачкан.

Б. Солтоноев 1894-жылы Атаке болушунда катчы болот. Кара жанды багуунун айласынан далай жыл улам бир болуштун катчысы делип күн өткөрдү. Ошол кездеги бейпай өмүрү жөнүндө:

«Атым түгүл, итим жок анык кедей

Бир тыйын жок жанымда кайгы убайым» – деп жазган.

Б.Солтоноев бай манаптарга аралашып, феодалдардын  зулумдугун, бузукулугун, көркоолугун, адилетсиздигин биле баштады. Букара менен феодалдардын ажырымын түшүндү. Ал букара кедейдин оор турмушуна, эзилгенине жаны ачып: «Букаранын намысы ак тилегим» – деп үмүт кылган.

Б.Солтоноев манап, бай феодалдарынын падышага, төбөлдөргө жазган катынан башка да Кемин, Токмок, Пишпекке каттап, тилмеч болуп, кедейлердин арыздарын, дубай саламын жазып берип, ага отуз тыйындан калем акы алып, билимге дит койгондорго кат-сабат үйрөтүп, табылганда кара чай ичип, курсагы тойбой, тапканы жетпей, жокчулуктун каарын көп көрдү. Анын ырындагы: «Тууган, досум карабайт зарылыма» – деп арман кылып жазган саптары бекеринен чыккан эместир.

ХХ кылымдын башындагы кош эзүүдө мыжылган эл арасында атаке, сарбагыш болушунун ичинде Б.Солтоноевдун дайыны, кабары оозго алынып, кыйла баркы өсө баштайт.

Кемин өрөөнүндө Новороссийскага келгин орустардын аркасында кең Россия менен бекем байланыш түзүлдү. Бишкекте, Токмокто жашаган маданияттуу, билимдүү, жаки алдыңкы көз караштагы орустар менен Б.Солтоноевдун ымаласы дурус эле. Алар менен баарлашып, тарых, философия, этнография, маданият, дүйнө таануу жөнүндөгү китептерин жана газеталарын алып окуган.

Б.Солтоноевдун кол жазмасында орустун улуу классик жазуучулары Л.Толстой, А.Пушкин, М.Достоевский баштаган атактуу орус жазуучуларынын ысымдары учурайт. Ал Л.Толстойдун аңгемелерин, В.Жуковскийдин ырларын 1916-жылга чейин эле которгон. Ал орус элинин адабиятын да, тарыхын да эң жакшы билгенин замандаштары суктанып эскеришкен.

1916-жылы Кеминдеги болушту шайлоо катуу кырдаалда өттү: жергиликтүү бай-манаптар, бийлөөчү төбөлдөр менен жөнөкөй элдин, кембагалдардын кармашы, эрегиши болду. Акыры кембагалдардын колдоосунда Б.Солтоноев болуштукка өтүп кеткен. Б.Солтоноевдин болуштукка шайланышына эл арасында кадырлуу, эстүү жана билимдүү Узун ээк Алыке Акылбек уулу сыяктуулар колдоп, күйөрман болушкан. Алар элден колду көбүрөөк жыйнаш амалында Нарын, Ат-Башыга чейинки туугандарын Кеминге көчүрүп келишкен.

ХХ кылымдын башында тоо койнундагы бир өрөөндө өткөн кичинекей окуяга тарыхый жагынан баа берсек, доор башында кедейлер өздөрүнүн көңүлүнө жаккан адамын болуштукка шайлаганга жетишкени – алардын башы бириккендеги алгачкы ийгилиги, дыйкандардын таптык аң-сезиминин ойгонушунун далили.

Б.Солтоноев кысталаңдуу кырдаалда болуштукту бир канча ай гана башкарды. Ал жамы кембагалдардай ак падышанын зулумдугун, каргашасын, баскынчылыгын көргөн, мыйзамынын каарын тартк ан. Ал жанына таш батканда болуштукту өткөрүп берип, 1916-жылдагы элдик козголоңго кошулуп, падышалык Россиянын адилетсиз саясатына жана баскынчылыгына каршы турганы белгилүү.

ХХ кылымда кыргыз элинин башына келген эң каргашалуусу – 1916-жыл болгон.

1916-жылдын күзүндөгү апаат-алааматта Б.Солтон оев Ата Журтун таштап, азар-түмөн калкка кошулуп, жер оодарып, эл тагдырына кабатыр тартып, эки жылдай мусаапыр болуп көрбөгөндү көрүп, оорукчан ымыркайын жыңалач койнуна салып багып, бөтөн элде баш калкалап күн кечирди.

Б.Солтоноев Кытайда азаптуу күндөрдү башынан өткөрсө да тарых боюнча изилдөөсүн, элдик оозеки чыгармаларын жыйноону, улуу инсандар боюнча эскерүүлөрдү, санжыраны жана бөлөк-бөтөн жердеги кыргыздардын оор тагдырын, өзүнүн ырларын дайыма улантып жазып жүргөн.

1916-жыл жөнүндө кыргыз жазмасында көркөм чыгармалардан башка бирин-экин гана тарых даректүү баянд ар бар. Алардын бири – алгачкы тарыхчы Б.Солтоноевдун Үркүн жөнүндөгү эскерүүсү.

Б.Солтоноев Үркүндөн аман кайткандан кийин, жаңы өкмөт орногон учкул кырдаалда атуулдук вазийпасын актап, жаңы замандын орун-очок алышына, бүрдөп-өсүшүнө жан оту менен астейдил киришкен. 1919-жылы Алматы районундагы Чыгыш бөлүмүндө Совет өкмөтүнүн үчүнчүсү, жыйырманчы жылдары Түркстан фронтунун Революциялык аскер кеңешинин Кытайдан келген кембагалдарды жайгаштыруу боюнча Нарын уездинде өкүлтилмечи, жеке отряддын башчысы да болуп бир жерге тыным албай, жаны жай албай иштеп жүрдү.

Б.Солтоноев 1922-жылдан 1924-жылдары Караколдо, Нарында, Пишпек уездинде жалпы журтка билим жа йылтуу уюмдарында иштеди. Ал 1924-жылы улуу Үркүндө сүрүлүп Кытайда калган кыргыздарды кайрадан өз ата журтуна кайтышына үгүт жүргүзгөнү, көмөк көрсөткөнү барган. Атайын журт милдетин аткаруу менен кошо жазып жүргөн тарыхын тактаган жана элдин ырасым-адет, оозеки чыгармачылыгын сурамжылап толуктаган.

1925-жылдан баштап, Б.Солтоноев биротоло илим багытына, а дегенде Өлкөнү таануу илимий институтунда, маданият, курулуш илим-изилдөө инсти тутунда, Эл Комиссарлар Советинде, Борбордук архивде иштеп турду.

1934-жылдан баштап ага оор күндөрдүн кара булуту кайра каптады. Улуттун тарыхын, тилин, маданиятын, адабиятын, салтын эң мыкты билген адис болсо да, инс титуттун директору терминологияны билбейт деп кызматтан бошоткон. Ошондой эле айып менен окумуштуу К.Тыныстанов да иштен бошотулган.

1935-жылы Б.Солтоноев Кыргыз АССРинин мадан ият, курулуш илимий институтуна 30 басма табак, 822 бет кол жазмасын бөлүп-бөлүп тапшырат.

1937-жылдын күзүндө ак жерден жалаа менен камалып, акыры ойрон болгон. Кыргыз ССР Жогорку Сотунун 1955-жылы кеч болсо да Б.Солтоноевди жалган жерден жазалаганын актаган, айыпсыз экенин бүтүмдөгөн ак кагазы тарыхчынын архивинде турат.

* * *

Б.Солтоноевдун кол жазмасынын тагдыры да тарыхчынын кейиштүү өмүрүндөй оор, тарткылыктуу болду. Калың мукаба менен тышталган, жедеп саргарып эскилиги жеткен, четтери убалана баштаган, калем менен мизилдете этият жазылган, алты жүз беттен ашуун кол жазманын асыл нускасы көзгө урунат. Андан башка кошумча дептерлер, алар чоң дептердин уландысы, беттелгенин санап көрсөң миң беттен ашып кетет.

Кол жазманы ачканда араб ариби менен жазылган мындай жазууну окуйсуң: «Кызыл кыргыз тарыхы. Жазуучу Белек Солтонкелди уулу Солтоноев. Насилим – кыргыз. Тайым – саяк. 1895-жылдан баштап жыйып, 1934-жылы жамдадым». Б.Солтоноев урпактарга байыртадан берки кыргыз тарыхынын дарегин, элдик оозеки чыгармачылыгы, салт-санжырасы, «Манас» эпосу жөнүндөгү изилдөөнү, улуттун рухий маданияты жөнүнд өгү бай материалды жана адабий мурастарды калтырыптыр. Айрыкча кыргыздардын ХVII–XIX кылымдагы тарыхын, улуу инсандардын өмүрүн, мурастарын, так жазган жана улуттук сөздүктү түзгөн, котор мочулук өнөрдү алгачкы баштаган, бизге жеткирген Б.Солтоноев болгон экен. Тирүүлүктүн белгиси, аркамдагыларга бир үзүрлүү эмгек калтырайын деп чыгынып, ар бир сөзүн, окуясын, асылдай асырап, көкүрөгүндөгү дартын, билген акылын, ак баракка тирмейе карап, бүлбүл шам алдында көз майын коротуп, барга-жокко кайыл болуп, өмүрүн сайып, сөзүн өчүрүп да, оңдобой да жымылдата дапдаана, сулуу көчүрүп жазыптыр. Берегим, атаганат, элге жетсе, урпактар окуур, окуса ойлонор, ойлонсо тарыхка көзү ачылар, көзү ачылса эң мурда элине тирек болор деп тилеген. Кайран адам, оор, үзүл-кесил мезгилдеги татаал өмүрүн эрдик, мээнет, кумарлык менен кызык да, максаттуу да жашап өтүптүр.

Б.Солтоноев Кеминге келгенден тартып дитин коюп, кыргыздын тарыхын, санжырасын изилдей баштаган. ХIХ кылымдын токсонунчу жылдары бул кыялга кандайча берилгенин «Кызыл кыргыз тарыхында» эскерет: «Ошол жылдарда Бишкектеги китеп саткан дүкөнгө кирип, тарых китепти бериңизчи деп эки-үч китепти көрсөтсөм, дүкөнчү өзбек болуу керек эле, китепти көрсөтпөй: «Сага анын кереги жок. Сенин тарыхыңды мен билем. Силер аналакмыналак атаңар кызыл иттен туулган» – деп койгондо ыза болуп ыйлап чыктым эле. «Кыргыз чын эле иттен чыктыбы?» – деп. Ошондон баштап тарыхый китептерди издей баштадым. Тарых китептерден биринчи колума тийгени:

а) 1891-жылы басылып чыккан Шежре Түрк;

б) 1898-жылы чыккан В.Бартольддун «Жети-Суу» тарыхы;

в) Ормон Ниязбек уулунун кыргызга хан болгондугу

жөнүндө жазылган «Жооп намеси» болду.

Б.Солтоноевдун жазганы бар: «Кыргыз тарыхын 1890-жылдан баштап карыялардан, кемпирлерден, сөз билген чечендерден, кер мурут жигиттерден таптыштап, 1895-жылдан Европа, Кытай, Иран, Араб, эски жана жаңы түрк, татар тарыхтарынан маалымат алып жаза баштадым. Маселен атактуу тарыхчылар: Бартольд, Бичурин, Радлов, Аристов, Миллер, Чжань-Цань, Чань-Чунь, Клапорт, Катанов, Бишер, Григорьев, Махмуд Кашгари, Абулгазы, Туманский ж.б. тарыхчылардан маалымат алдым».

Тарых бир эле өткөндүн окуясы эмес, урпактарга калган улуу нуска ибарат. Тарых баяны арттан чыккан үн эмес, алдыдагы жаңырык, улам кийинкиге жеткен чакырык.

Ар бир өзүн кем-кем урматтаган, өнүгүп-өсүп маданияттуумун деп дымак күткөн эл түп тарыхын билет. Ата тарыхын кадырлабаган адамдын тагдыры армандуу. Кечээки тагдырын билбеген эл шорлуу, анын келечеги жок, канатынан айрылган куш сыңары.

Б.Солтоноевдун «Кызыл кыргыз тарыхын», оозеки чыгар мачылык жана ырасим-адет жөнүндөгү чогулткан эмгектерин кудум тарыхый очерктей кызыгып окуйсуң. Ал кандим адис сыяктуу жеринен жазуу ыкмасын, баяндоо усулун, жатык тилди мелжеп алган экен.

Кыргыз элинин жер каймактагандан берки келаткан тарыхый жолунан, ырасим-адетинен жана маданий өсүшү нөн алгачкы жолу кабар айткан бул эмгек, улуттук тарыхты илимий жолго салууга, изилдөөгө аракеттенген жакшы саамалык болгон. Кейиштүүсү – кол жазманын убактысында басмада жарыяланбаганы.

Б.Солтоноевдун жападан-жалгыз шымаланып, даа тутуп, нечен кылымдан бери ар түркүн калктын кагаз арасында калган жана эл оозунда чачылган тарыхты алгачкы жолу жазмага түшүрө баштаганы анын атуулдук эрдиги. Мекенге кызмат кылуу – жеке эле асыл ою менен максатты көзөмөлдөөдөн мурда, элдин кыял-мүдөөсүн жаңылантуу жаңыча жашоого, ойго, маданиятка, өзгө рүшкө үндөө жана мээнеткеч болуу керек экенин Б.Солтоноев билген экен. Эл тарыхы жазылса – улуттук аң-сезимди ойготууга, Ата Журтту сүйүүгө, жеке адамдын психологиясынын калыптанышына жана аны тарбиялоого таасири тиерин ал эрте түшүнүптүр.

Б.Солтоноев кыргыз элинин тарыхын мол чогултуп, ошонун төө бастысында калбады. Ал ошончо олжону колдон келишинче кадимки тарыхчы сымал өз ордуна иреттеп коюп, жөнгө сала алды. Өзүнүн эмгеги жөнүндө Б.Солтоноев минтип жазган: «…Бул тарых кыргыз тарыхынын сапа ты жагынан биринчи даражада болбосо да, келерде кыргыз тарыхына түбөлүктүү материал болор деген талап менен ортого салдым (Тарыхтын мазмуну кыргыздын тарыхка илингенинен баштап, Октябрь өзгөрүшүнө (Октябрь Революциясына – ред.) 1917-жылга чейинки тарыхы жазылды).

Б.Солтоноев бөтөнчө орус окумуштууларынын тарых жазуудагы бай тажрыйбасын үйрөнүп, тарыхый эмгектеринен таалим алган. Айрыкча Чыгыш изилдөөчүсү, советтик илимпоз В.Бартольддун «Жети-Суу тарыхый очерк тери», «Кыргыздар» деген илимий эмгектери ага чоң таасир калтырган. Б.Солтоноевдун «Кызыл кыргыз тарыхындагы» айтылган байыркы, орто кылымдагы кыргыз тарыхы жана аймактагы шаарлардын казып-изилдеген жерлери В.Бартольддун эмгектеринен которулуп, көчүрүлгөнү байкалып турат.

Б.Солтоноевдун эмгегинин баалуулугунун дагы бир жагы – оозеки санжыраны сүрүштүрүп жазгандагысы. Ал байыртадан бери канга сиңип, салтка айланган элдик оозеки тарых-санжыраны улуттук маданияттын, илимдин жоголбогон бир булагы катары көрсөткүсү келген.

Б.Солтоноевдун өткөн кылым менен ХХ кылымдын башындагы өзү көрүп-туйган мезгили, тарыхы, окуяс ы жана адамдары жөнүндөгү даректүү жазмалары урпактарга өтө кымбат мурас дээр элек, анда жалаң гана кыргыз тарыхы айтылбастан, ага чектеш, тагдырлаш казак, уйгур, калмак, өзбек элдеринин тарых баянынан кызыктуу жана баалуу кабар бергенинде.

Б.Солтоноевдун кол жазмасы кут катылган сандыкка окшош, анда эл асыл деген тарых тил, санжыра, ыр, макал-лакап, расим-адет, оозеки чыгармачылык, эпиграфика, социология, философия, элдик дарыгерчилик, жыл эсеби, улуттук тамак, археология ж.б. материалдар бар.

Б.Солтоноевдун чыгармачылык жактан жетилген жана эмгектенер курагы отузунчу жылдарга, жеке кишиге кулдук уруп, улуттун алдыңкы интеллигенциясын түгөлү менен мертинтип кеткен сталинчил саясат жүргүзүлгөн учурга кириптер болгон.

Мезгилдин каарын сезген анын капшабынан чочулаган. Б.Солтоноев кырк жылдай чогултуп жазган кол жазмасын 1937-жылдары Казакстан илимдер академиясынын тил, адабият жана тарых институтуна тапшырып ийген. Анын мурасы далай жыл кара сандыкта аманат жаткан. Кыркынчы жылдардан кийин гана ата мурасынын кабарын билип, изине түшкөн тарых жазуучусунун кызы Зайнахан Белекова болду. Зайнахан бейкүнөө атасынын кол жазмасынын аркасынан сая кууп жүрүп, акыры колуна тийгизген соң, жат жанга көргөз бөй, жоолугуна түйүп, нечен жыл ар жерге бекемдеп каткан. Атайы араб арибин үйрөнүп, ата эмгегин кыргыз тамгасында баш-аягына чейин басып чыккан. Зайнахан нечен жолу кээ бир кошоматчы, көшөкөрлөрдүн кыянатчылыгынан кызматтан куугунтукталды, баш калкалар үйү жок убайым жеди. Ак жеринен кеткен атасын актоо, анын эмгегин чыгаруу жөнүндө өкмөткө, анын башчыларына далай жолу ыйлап-сыктап кат жазды. Ошо береги дымыккан мезгилдин акылдуусу да, кошоматчысы да ичтен тынды, өз жандарынан коркуп, аялдын зарына кайдыгер карашты.

Кыргыз илимдер академиясындагы аманат кол жазмаларынын катарында Б.Солтоноевдун эмгегинин көчүрм өсү көп жылдар бою катылуу жаткан. Муну кыргыз окумуштууларынын кыйласы билишсе да Б.Солтоноевдун кол жазмасынын тагдырына, анын келечегине күйүшпөгөн, коомчулуктун көңүлүн бурар маселени тие шелүү жерге коюшпаган. Ал эми маалымдуулук дооруна чейин Б.Солтоноевдун кол жазмасынан пайдаланган айрым окумуштуулар анын ысмын эскерип, эмгегин атабай койгондору ого бетер өкүнтөт.

Б.Солтоноевдун көркөм адабий мурасы кеңири сөз кыларга, илимий изилдөөгө тете. Элүү тогуз жыл жашаган өмүрүндө анын бир канча ырлары, термеси, поэма-казалы, котормолору бар.

Азыркы айкындык доорунда Б.Солтоноевдун бактысы жаңыдан ачылып отурат. 1987-жылы «Ала-Тоо» журналы тарыхчынын эмгегин табылга катары эң биринчи жолу далай ирет жарыялаганын эскере кетсек болот. Кийин 1993-жылы гана Б.Солтоноевдун негизги эмгеги китеп болуп жарык көргөн. Бирок ага тарыхчынын жазган ырлары кирбептир.

Б.Солтоноевдун эмгектери элге дайын болгондон кий ин тарыхчынын өмүрүндө жана чыгармачылыгына байланышкан жаңы табылгаларды, божомолдорду жана илимий эмгектерди изилдөөчүлөр жарыялай баштады. Айрымдары жабык архивдерден, ачык айтканда, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивинен тарыхчынын тагдыры жөнүндө белгисиз барактар табылды. Анда жалпы маалымат боюнча буга чейин басма сөздөрдө Б.Солтоноев 1938-жылы тройканын чечими боюнча атылган делип айтылып жүрсө, архивд е 1945-жылы лагерде мээсине кан куюлуп өлдү деген кабар бар. Муну да көңүлгө алыш керек. Көзү өтүп кеткен айрым адамдардын эскерүүсүндө Б.Солтоноевду Сибирде лагерде көрүшкөнүн да айтышкан экен. Келечекте такталар көрүнүш.

Б.Солтоноевдун өмүрү кыргыз элинин тагдырындагы эң татаал, кайгылуу, запкылуу мезгилге туш болгон. Ал кыйынчылыкты, татаал өмүрүн акыл эмгеги менен, эрдик, кумарлык менен кызык да, максаттуу да, журт алдында ак, таза жашады, жүзү жарык өттү, чачылбай үнөмдүү өмүр сүрүү. Илимпоздун духунун күчтүүлүгү, тирүүлүктө кантип өмүр сүрүү керектигин тирүүлөргө көрсөтүп кеткен өмүр тагдыры, тажрыйбасы, баскан жолу, эрдиги, идеал-мүдөөсү бизге өрнөк, үлгү.

Кеңеш ЖУСУПОВ

КОНСТАНТИН ЮДАХИН

Улуу Октябрь социалисттик революциясы кыргыз элинин турмушун түп-тамырынан бери өзгөрткөн башкы окуя болуп, жаңы кыймылдардын, жаңы өнүгүүлөрдүн маанилүү учурун жаратты. Андай жаңы өнүгүү, жаңы манилүү учур кыргыз филологиясынын өнүгүп-өсүшүнө, кыргыз адабий тилинин калыптанышына да таасир этип, прогрессивдүү кыймылдарды пайда кылып, жаңы жеңиштерди алып келген. Мына ошол Октябрь революциясы берген кайра куруунун улуу күчүн кыргыз лингвистикасында ачык-айкын демонстрациялагандардын бири, интернационалдык идеянын үлгүсүн кыргыз тил илиминде ачык көрсөткөн күжүрмөндөрдүн бири – профессор Константин Кузьмич Юдахин болгон.

Менин кеп салайын деп отурганым – ошол таланттуу окумуштуу, эң сонун педагог, кыргыз, казак, өзбек, уйгур тилдеринин билерманы. Ал элге белгилүү тюрколог, кыргыз мадан иятынын ардактуу ишмери, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, советтик тюркология илимине, өзгөчө анын кыргыз филологиясына баа жеткис салым кошкон илимпоз, гражданин деп бааланган адам.

К. К. Юдахин өмүр бою кыргыз сөздөрүн чогулткан, чыныгы чыгаан окумуштуу экени талашсыз. Анын илимий жана педагогикалык иште баскан жолу өзүнчө эле кызык.

Анын айтуусу боюнча 1925-жылдын аягында СССР илимдер академиясы В. В. Радловдун «Опыт словаря тюркских наречий» деген сөздүгүн кайра басууга чечим кабыл алат. В. В. Радловдун «үлгүлөр» (толук аты: «Образцы народной литературы северных тюркских племен» спб., 1885-ж.) деп аталган эмгегинин V томундагы материалдарды (анткени анда кыргыз тилине, кыргыз фольклоруна тиешелүү «Манас» эпосунун варианты, «Эр Төштүк», «Ак Саткын менен Кулмырза» поэмаларынан үзүндүлөр, кээ бир кошоктор жазылып жарыяланган эле) кайра карап, иштеп чыгуунун сөздүк маселеси ага ыйгарылган экен.

Ошол мезгилден тартып, анын кыргыз эли менен, анын адабий искусство, илим, агартуу чөйрөсүндөгү өкүлдөрү менен байланышуу күчөп, айыл кыдыруусу, элге аралашуусу арбый баштайт. Ага чейин эле ал кыргыз элинде күлүк чапмай адат, көк бөрү тартмай салт, кыл ар кан өрмөй көрүнүш, батырап казан асмай жөрөлгө, эң жакшы көргөн адамын оттой кадырлап тосуу жосундары бар экенин жакшы билген. Бирок ошого карабай В. В. Радлов жазып алган тексттеги көп сөздөр ага түшүнүксүз болгон. Сөз деген сөз эмеспи, чынында элди аралабай туруп, анын маанисин алыс жерден кайдан чечип алсын. Ошол учурду эстеп ал: иштеп жаткан кезде көп сөздөрдүн жана туюнтмалардын мааниси түшүнүксүз болуп калды эле дейт. Анда ал эмне кылды эле? Ошол учурда кыргызча чыккан газеталарды, окуу китептерин, фольклордук материалдарды, көркөм адабияттарды, айтор, кайсы жерде кыргыз сөзү болсо, ошол жерде аны үзүлө түшүп окуй баштайт. Баягы мааниси али чечиле элек сөздөр менен туюнтмаларды чечмелейм деп, көп адамдарга жолугат.

Ошондо К. К. Юдахин (1928–1930-жылдарда) эл ичинен келип, «жарашып тууган жер жакшы, азилдеп жазган чер жакшы, курбулаш өскөн эл жакшы»; «камгак учат жел менен, кар бузулат сел менен»; «төөнү мээнет чырмаса, котур болуп кашынат, жигитти мээнет чырмаса, көпкөлөң тартып мас болот»… деген сыяктуу санат сөздөрдү (бул сыяктуу санат сөздөр «Кыргыз элинин санат-насият жана терме ырлары» деген китепке кирген. Түзгөн Т. Абдыракунов, Ф., 1973, 15–16-б.); «Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт»; «ачка жүргөнчө, айранга талкан салып ичкен артык»; «иттин ачуусу куйругунан билинет, аттын ачуусу кулагынан билинет…» деген өңдүү макалдарды (1940-ж. сөздүктүн 12–13-б. караңыздар) угат. «Айы оңунан тууган», «ай жүр-аман жүр…» де ген өңдүү учкул сөздөрдү жазып алат (18–19-б.). Ал иш процессинде В. В. Радлов жазып алган тексттерде жолукпаган жүз-жүздөгөн жаңы туюнтмаларга, сөздөргө ту шугат.

Лексикограф адамдар андай учурда жөн турчу беле, аларды «илип» алып, кагаз бетине түшүрө берет.

Анан эмне болот? Анан кандайдыр бир себеп менен В. В. Радловдун сөздүгүн бастырып чыгаруу маселеси убактылуу токтоп калат. Ошол кезде окумуштуулар арасында улуттук тилдердин жеке сөздүгүн жарыялоо пикири келип чыгат. Ошондон кийин К. К. Юдахин кыргыз элинин тарыхында, кыргыз тил илиминин тарыхында биринчи жолу «Кыргызча-орусча сөздүктү» түзүүгө чындап бел байлайт.

Кийин ал жөнүндө профессор: «Томдогу үлгүлөрдүн материалдарын кайра иштеп жаткан, чогулткан карточкаларым көбөйүп, беркиден көп эсе арбын болуп кетти. Анан ал материалдарды өз бетинче сөздүк кылып чыгарсам болбос бекен деген ойго келген элем» – деп эскерчү эле.

Ошол күндөгү учурун кийин китепке мындай деп жазган экен: «…1928-жылда сөздүк үчүн материал чогултуп, Ысык-Көл жакта жүргөнүмдө, шайтан чыракты маңдайга коюп, боз үйдө боортоктоп жатып алып жазчу элем. Мындай көрүнүш отузунчу жылдарга чейин болгон. Бул өңдүүлөр жыйырманчы-отузунчу жылдарды чагылткан көркөм чыгармаларда да баяндалган… Азыр болсо, биз такыр башкача картинаны көрөбүз, боз үйдүн ордуна көркүнө чыккан көчөлөрдүн боюндагы жасалгалуу там үйлөрдү, шайтан чырактын ордуна – электрди, ар бир үйдөгү орундук, стулдарды көрөбүз, кааласаң жерге салынган кийиздин үстүнө же болбосо столго отурасың…» (сөздүк, 7-бет.)

Ошол «шайтан чырактын» күнүнөн тартып, бүгүн айга карап учканга чейинки мезгилде ал кыргыз сөздөрүн кумдан ийне издегенсип тынбай издеп, чогултуп келе берген. Бул аралыкта кыргыз тил илиминин да, өзүнүн да кадыр-баркынын өсүшүнө болгон билимин берип, фундаменталдуу эмгек жаратууда бар кубатын аяган эмес.

«Шайтан чырактын» мезгилинде төрөлгөн ымыркай балдар азыр эр ортону элүүгө чыгып, андан да узап кетти. Бул мезгилдин ичинде өлкөбүздө илимий-техникалык, социалдык-экономикалык ири жаңылыктар, ири ийгиликтер жаралды. Социалисттик коомду курууда өлкөбүздөгү эң көп улуттардын алдыңкы өкүлдөрү жаңы замандын эң кыйын, бирок ардак туу түйшүктөрүн өз баштарынан өткөрүштү. Ошолордун катарында биздин республикабыз дагы көрүнүктүү адамдарыбыздын бири – К. К. Юдахин да болду. Ал 1925–1930-жылдарда эле кыр гыз адабий тилинин структуралык маселесин, диалектилик негизин, орфографиясы менен орфоэпиясын ж. б. ондогон алгачкы маселелерин талкуулоого, чечүүгө тикеден-тике катышкан окумуштуу эле. Ошондо эле ал өзүнүн илим маселелеринин түпкү мүдөөлөрүн терең түшүнгөн, илим менен маданиятка бар күчүн аянбаган дилгир окумуштуу экендигин көрсөтө алган.

Ал өзүнүн узак өмүрүндө биздин көп тилдүү элдерибиздин арасындагы интернационалдык достукту филология илим деринин өкүлдөрү арасында биринчи жайылтк ан, чыңаган адамдардан болду.

Биздин өлкөбүздөгү элдердин интернационалдык дос тугун чыңдоо, ал достуктун тарыхый-революциялык маа нисин ачууда орус жана улуттук тилдердин ортосундагы социалисттик байланышты күчөтүү керек эле. Бул байланыш филология жаатында, негизинен, котормо жолу менен турмушка ашмакчы. Котормо жолу менен ар түрдүү адабияттар бир тилден экинчи тилге которулуп, ошондон улам элдер арасындагы өз ара таасирленишүү, байышуу өңдүү процесстер жүрөрүн жакшы сезген адамдар, ошонун ичинде К. К. Юдахин да бул ишке эң зарыл керектүү болгон сөздүк түзүүгө ошол кезде эле активдүү кирише баштайт.

Ал өзбек, кыргыз, казак, уйгур ж.б. элдердин өздөрүнө, тил-адабиятына кадырлоо менен мамиле кылып, интернационалдык багыттагы ар түрдүү иштерге кеңири катышат. 1920–1925-жылдарда Өзбекстандын Манкент, Кара-Булак деген жерлеринде орус тилинен сабак берип, 1927-жылы эле «Өзбекче-орусча сөздүктү» жарыялайт. Андан кийинки жылдарда уйгур, казак, тажик, кыргыз тил, адабияты, котормо ж. б. маселелери боюнча илимий-макалаларды, изилдөөлөрдү жүргүзүп, сын пикирлерин айтып, адамдар ыраазы болгудай көп иштерди жасап келет.

Илимий-педагогикалык иштерди жүргүзүүдө республикалардагы жаш лингвист окумуштуулардын арасында ал ар убак эмгектик жана окумушт уулук нраванын чыгармачыл үлгүсүн көрсөтүп келди. Дайыма илимий эмгектердин сапаты, натыйжалуулугу үчүн көп аракет кылар эле. Илимий кадрларды даярдоодо да үзүрлүү иштеп, бир кыйла докторлук, кандидаттык диссертациялардын жакталышына жетекчилик да кылган. Ал Кыргызстандан эле Б. М. Юнусалиев, К.К. Карасаев, Ж.Ш. Шүкүров, И. А. Батманов, Б. О. Орузбаева, А.Жапаров, С. Кудайбергенов, С. Мусаев, Т. Дүйшеналиева, Д.Исаев, А. Баялиев өңдүү ондогон окумуштуулардын докторлук, кандидаттык диссертацияларды жакташына чоң үзүр кошкон. Ал эми Казакстан, Өзбекстан, Москва, Ленинград ж. б. аймактарда К. К. Юдахинге шакирт же окуучу болгон окумуштуулар кыйла эле бир топ. К. К. Юдахинде жоопкерчиликти сезүүнүн өзгөчө күчү менен бирге ар бир элдин тилине, адабиятына да өзгөчө бир куштарлык менен мамиле кылуусу сезилип турар эле.

Эмне үчүн эле профессор мынчалык жаны тынбай, кыргыз сөздөрүн башка тилдердин сөздөрү менен үзүлө түшүп салыштырды экен? Анын жообу кайда? Анын жообу, менимче, профессордун кыргыз элин, кыргыз тилин, кыргыз тил илимин интернационалдык дух менен сүйүп, ошондон шык алып, ошо шыгынан бир жанбай келгендигинде. Эгер ал кыргыз тил илимин кадырлап сүйүп, мынчалык шык албаса, канчалык билимдүү, канчалык «кыйын» болсо да элүү жыл бою кыргыздын эне тилин көркүнө чыккан кештедей көрүп изилдерин ким билет эле?

Кээде мен, жок кээде эле эмес, көп эле жолу анын кыргыз тилинин сөздөрүнө үңүлө тиктеп, ыр жазып жаткансып катуу ойлонуп, сөз маанисин чечмелеп отурганын көрчүмүн. Анан аны көрүп: «Капырай, кырг ыз элин, кыргыз тилин мынча кадырлабаса, бул агай мынчалык берилип иштебейт эле го?!» – деп ойлоп койчумун.

К. К. Юдахин агай биз окуп жүргөн кезде «бир гүл жаз болбойт», «илим алуу, ийне менен кудук казгандай», «чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун» деген өңдүү ма калдарды жыш айтар эле. Айрыкча, сөздүк маселелери боюнча кеп болсо же өзү чогултуп жүргөн лексикалык материалдар жөнүндө пикир чыга калса, анда кийинки макалды көп ай тып калчу.

Ал: «Тил деген дайыма кыймылда болот. Анын кыймылы бороондой улуп-уңшуп же ак тасмалга түшө калып көзгө урунбайт. Ички зак он менен жүрөт. Жер сырын геолог билет. Тил сырын филолог билет. Филолог болом десеңер, анын сыры силерге уламдан-улам ачыла бе рет. Элдин тарыхы кандай болсо, тилдин да ошондой өзүнө таандык та рыхы бар. Тил турмушта пайда болгон кубулушка, нерсеге, кыймылга… ат берет. Түшүнүккө сөз берет. Өнүп мөмөлөп, акыл-сезимдин туйгусунан кеп салат. Кеп тилдин ички закону менен калыпка түшөт. Анан ал байлык тил дайрасында чабак уруп жашай баштайт»,– дээр эле.

Профессор студенттерди дайыма терең окууга чакырып, алардан дайыма терең билимди талап кылуучу. Аудиторияга килейген китептерди көтөртүп келип, алар жөнүндө сүйлөп берүүчү, ар кимге тааныштырып чыгуучу. Предметти начар окуган студентке абдан капа да болор эле. Сабакты жакшы окубаган студенттен өз кесиби боюнча түзүк адис чыкпайт дечү. Кийин окуу жөнүндөгү мындай оюн «Жаш Ленинчи» журналына берген интервьюсунда төмөнкүдөй баяндаган экен:

«Илим алуу – ийне менен кудук казгандай» деген элдин сөзү бар. Биздин жаштар илим алууга өтө ынтаалуу. Мунусу кубанарлык иш. «Бирок жаштарыбыздын арасында илим-билимге эмес, дипломго гана кызыккандары да жок эмес. Бардык жаштарыбыз «тышы да, ичи да жалтырак» болушун тилеймин. Профессор К. Юдахин» – деп, жаштарга насаат сөз айткан экен (№ 8, 1960, 1-бет). Ушул насааттан эле анын билимге, тарбиялык ишке кандай мамиле кылганын, эмнени тилегенин көрүүгө болот.

Ал киши тилдин кеңдигин, тереңдигин океандай көрчү. Кийин өзүнүн экинчи бир интервьюсунда («Эл агартуу», № 10, 1974, 34-бет): «Тил илими өзүнчө бир океан. Анын учу-кыйырына жетүү кыйын. Кыйын болсо да бул тармакта иштөөнүн өзү абдан кызык жана татаал. Минтип айтканымдын жөнү бар. Мен 1890-жылы мурдагы Оренбург губерниясындагы Орск шаарында туулуп, азыркы Жамбыл шаарында казак-кыргыз балдары менен бирге ойноп өстүм. Улутум орус болгону менен казакча, кыргызча «суудай» билчүмүн. 1906-жылы Ташкенттеги Түркстандык семинарияга келгенимде, анда тажик, перс тилдеринен сабак өтөт экен, бул тилдерди да үйрөнүп алдым. Мына ушул 1906-жылдан тартып, азыркы 84 жаштагы курагыма чейин тил илими «аймагында» эмгектенип келе жатамын» деген.

Илимдин узагын, тээ алды жагын көздөгөн бул агай 1922-жылда эле Орто Азиянын мамлекеттик университетиндеги чыгыш факультетинде окуп жүргөндө ар элдердин тилине өтө берилип үйрөнө баштайт. Албетте, окуу учурунда ал агайдын деле нечен күйүккөн, нечен соо луккан күндөрү болгон деңиздерчи. Бирок ал алган сапарынан кайра тартпай, илимдин жолуна тереңдеп кирип, катыга берет. К. К. Юдахин тажик тилин Абдулла аттуу түнкү кароолчудан кыйла үйрөнгөнүн унутпай кеп салар эле. Ал мындай учурда дүйнөгө таанымал акын Саадинин: «Каалоосу жок окуучу – канаты жок куш» деген сөзүн дайыма айтып калар эле. Деги К.К. Юдахин белгилүү адамдардын таасын ойлоруна таяна сүйлөгөндү жакшы көрчү. Ошон үчүн «Кыргызча-орусча сөздүктүн» эпиграфы кылып, Социалисттик Эмгектин Баатыры Аалы Токомбаевдин: «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деген сөзүн бекеринен келтирген эмес.

Профессор 1925-жылдан кийин Ленинграддагы чыгыш элдеринин институтунда сабак берет. 1932-жылдан 1944-жылга чейин Москвадагы чыгыш институтунда он эки жыл бою уйгур тил кафедрасынын башчысы болуп иштеп жүрүп, «Кыргызча-орусча сөздүктү» түзүү боюнча абдан берилип иштейт. Өзү уйгур, кыргыз тилдеринен сабак берет. Тил маданиятын көтөрүүдө сөздүктөрдүн мааниси чоң экендигине ишенип, сөздүк түзүү жагында үзгүлтүксүз иш жүргүзө берет. Барган сайын сөздүк иштери анын лексикографиялык шыктуулугун көрсө түп, жөндөмүн ача баштайт. 1940-жылы «Кыргызча- орусча сөздүктүн» 1-басылышын жарыкка чыгарат. Тажикче-орусча, казакча-орусча сөздүктөргө карата өз ойлорун, өз мамилесин билдирет. Котормолуу сөздүк гана эмес, улуттук жана терминологиялык, орфографиялык, түшүндүрмөлүү ж. б. типтеги сөздүктөргө карата да мамиле жасап, нечен оор жүктөрдү көтөрүп келет. Күнүнө 16–18 сааттан тынбай иштейт.

Социалисттик Улуу Октябрь революциясынан кийин кыргыз адабий тили өнүгүп, орфография жана орфоэпия, жазуу маселелери жолго коюла баштайт. Ошондо ал кыргыз тилинин маанилүү түйүндөрүн чечүүгө активдүү катышат. «Жаңы кыргыз алфавити» деген олуттуу макаласы чыгат. Бул макала кыргыз орфографиясы менен терминолог ия маселелерин, жазуу иштерин жөнгө салууда бир топ мааниге ээ болот. Кыргыз тилинин азыркы алфавити менен орфографиясынын жарык көрүүсү да анын жетекчилиги менен ишке ашат. Ушул жылдардын аралыгында чыккан анын «Түрк-татар алфавиттериндеги айрым тамгаларды кыскартуу», «Некоторые особенности Кара-Булакского говора», «Из Среднеазиатско-турецкого народного творчества» деген эмгектери өзбек, татар тилдеринин олуттуу маселелерине арналып, келечекки изилдөөчүлөр үчүн бир кыйла даба болуп берген. 1920–1925-жылдарда тюркология илими кыйла ийгилик терге ээ болуп калган болчу. Белгилүү тюркологдор:

В. В. Радловдун, А. К. Казембектин, И.И.Ильминскийдин, Л. З. Будаговдун, Н.П. Мелиоранскийдин ж.б. аты өчпөгөн эмгектери жаралып, тюркологиялык изилдөөлөр кыйла көктөгөн эле. Алардын ичинде В.В. Радлов тюркологияга өтө чоң эмгек сиңирип, илим алдындагы абдан ири жоопкерчилиги ме нен айырма ланган окумуштуу болгон. Анын окуучусу советтик эң ири тюр колог, маркум С. Е. Малов эле. Ал эми С.Е. Маловдун окуу чусу – ыраматылык К. К. Юдахин болгон.

Өмүрүнүн акырына чейин профессор тематикалык жактан эң көп материалдар менен таанышып да, өзү да чогултуп, өзгөчө өзбек-кыргыз диалектологиясы, кыргыз лексикограф иясы боюнча жемиштүү иштейт. Бөтөнчө кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктүн материалдары боюнча көп күч жумшады. Сөздүк түзүү – жөн эле жер кыдырып, сапар чегип, тынчсыз өмүр менен сөз чогултуп, аларды кагаз бетине түшүрүп коюу эмес; алардын маанисин, мүнөзүн айкындап, тиешелүү фактылар менен жабдып, бар болгон кыймылын ачууда болот. Бул айтканга жеңил болгон менен сайган саймадан алда канча татаал жана кооз иш.

Анын татаалдыгы – тилдин байлыгынын тынымсыз өзгөрүү абалында болгондугунда. Турмуш дегениңиз тилге тынымсыз алда кандай сыр, кыймыл, өзгөрүү берип кубултуп турат. Куйрук улай эле жашап жүргөн сөздөр он-он беш жыл ичинде эле кыйла өзгөрүүгө учурап калат. Жаңы сөздөр пайда болот. Бул өңдүү кубулуштардан элдик тил дин таланты сезилет. Кыймылдан ажыраган кай бир сөздөр колдонулуудан солгундап чыгып, көз алдыңызда тилдин шарынан сүрүлө баштайт. Сөз маанилериндеги жылыштар тыйылбай эле, бирок ошол учурда бири-биринен үзүлүп да кетпей эле кызуу кыймылда жүрө берет. Мына ушул өңдүү кубулуштарды табигый түрдө эң мыкты сезген окумуштуу К. К. Юдахин кыргыз сөздөрүн тюркология лык планда тынымс ыз элүү жыл бою изилдеп, «Кыргызча-орусча сөздүктү» Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу даражада иштеп чыккан. Анын элүү жылдык тюр кологиялык жогоркудай эмгеги авторду өлкөбүздүн белгилүү тюркологдорунун катарына көтөргөн.

Жогорку эмгеги жөнүндө автордун өзү мындай дейт: «1925-жылдан баштап кыргыз-орус сөздүгүнө карата материал чогултуп жүрүп, 25000 сөз менен ал 1940-жылы жарыкка чыкты… Кылымдар бою жазмасы бар элдердин, алсак, англис-орус же француз-орус сөздүгүн түзүү алда кан ча жеңил болот эле. Бул жагынан жазмасы жок кыргыз тил илиминде (автор кыргыз тилинин Социалистт ик Улуу Октябрь революциясына чейинки мезгилин айтып жатат – Ж.М.) сөздүк түзүү көп кыйынчылыкка турду. Иш сөз издөө менен чектелген жок. Ошол сөздүн эквивалентин туура табуу максат эле. Анын үстүнө дагы бир кыйынчы лык – кыргыз элинде бар нерсенин оруста, орус элинде бар нерсенин кыргыз элинде жоктугу. Мисалы: «Аса байлап азоо атын, ай мунарын жем кылып!», же «Чын бадана торгой көз, бараңдын огу батпаган, каранын оту какпаган», же «учкаштыра кет» сыякт ууларды өз колорити менен орусча туура которууга аракеттендик. Ал эми мындай мисалдар сөздүктө эң эле көп. Сөздүктө кыргыз тилинин лексикалык, семантикалык байлыгы ачылып, кыргыз элинин тарыхынан, психологиясынан, турмушу жагынан кыйла кызыктуу материал бере алган…»

Мындан башка да автордун сөздүк жөнүндөгү ой жүгүр түүлөрүн, анын акылы менен сезими эл тилинин маселесине кандай багытталганын байкап көрөлүчү. Анын сөздөрү (1940 жана 1965-жылы чыккан «сөздүктүн» сөз башынан алынды):

«Кыргыз лексикасы биринчи жолу жыйналып, биринчи жолу эленип отурат» (1940, 3-бет).

«Сөздүккө план боюнча жыйнаган, плансыз эле кокусунан колго тийген сөздөр да киргизилди» (1940, 30-бет).

«Бул сөздүктү мен кыргыз лексикографиясындагы алгачкы тажрыйба деп эсептейм» (1965, 6-бет).

«Материалдарды мен адабий чыгармалардан, газета-журналдардан, фольклордон өзүм чогулттум» (1965, 6-бет).

«Тексттерден  түшүнүксүз сөздөр жана туюнтмалар жолугуп калса (көбүнчө фольклору же өткөн турмушка байланыштуу болсо), мен өзүмдүн кыргыз досторумдун – тилчилердин, жазуучулардын, котормочулардын жардамына кайрылдым» (1965, 6-бет).

«Өткөн турмушка тиешелүү болгон көп сөздөрдүн, туюнтмалардын маанилерин мен карыя колхозчулардан чечмелеп алдым» (1965, 6-бет).

«Мен берген суроолордун чеке белинде талаштар чыгып, алар мага көп учурда кошумча кызыктуу маалыматтарды берип турду»… (1965, 6-бет) – дейт.

Ал эми кыргыз сөздүгү жөнүндө «Советская Энциклопедия» басмасы (1965-ж. басылышында) мындай деген: «1940-жылы… биринчи жолу жарыкка чыккан проф. К. К. Юдахиндин сөздүгү көптөгөн оң баадагы отзывдарга ээ болду; Турцияда анын орусча котормолору түрк тилине оодарылып, кыргызча-түркчө сөздүк катарында чыкты…» (1954, 5-бет).

«Кыргызча-орусча сөздүктүн» 1940-жылкы басылышы менен 1965-жылкы басылышынан, алардын көлөм жагынан да, сан жагынан да, ички сапат жагынан да башка сөздүктөргө салыштырганда асман-жердей айырмасы бар экенин көрөбүз. Тилдеги өзгөрүү, кыймыл ушунчалык тынымсыз дейсиз, кээде жөн эле ар он-он беш жылда жаңы сөздүктөрдү жарыялап туруунун зарылдыгын сезип кетесиз. Анткени ойду чагылтуунун зарылчылыгы өмүрдүн өзүндөй тынымсыз болгондуктан, аны туюнтуунун зарылчылыгы да тынымы жок аккан дайрадай куюлуп кетет.

Элүү жыл ичинде К. К. Юдахин миң-миңдеген карточкаларды толтуруп (кийин анысын университетке белек кылып берген) чыккан. Ошол карточкалардын беттеринде элдин башынан өткөн үрп-адат, ишеним, жомок, ыр ж.б. изи бар. Алар сөздүккө түшкөн.

Сөздөрдүн маанилерин ачуудагы профессордун илеси – илкибей турган иштердин биринен. Маселенин бул тарабындагы автордун чыгаандыгын сөздүктү барактап окуган ар бир киши көп сөздөр жалкы мааниден тартып, жыйырмага чейинки мааниге ээ экенинен байкай алат. Ооба, сөздүктө, колдон келишинче, сөздөрдүн маанилерин кеңири камтуу аракет чоң болгон. Ал аракеттин баары иштин оң пайдасына чечилген. Автор сөздөрдүн полисемиялык – көп маанилүү кубулуштарын иликт өөдө да филологдук чоң талантты, адистикти көрсөтө алган. Алар көрсө, көбүнчө кыска муундуу сөздөрдө көп жолугат экен. Эми бизге проф. К. К. Юдахиндин ошончолук көп маанилерди кантип ачканын, аларга кантип жетишкенин билүү кызык, чынбы, окурманым?!

Анын окуучусу А. Баялиев да бул суроого кызыгыптыр. Ал профес сор К. К. Юдахин сөздөрдүн түз жана өтмө маанилерин, алардын оттенокторун кыргыз филологиясында биринчи болуп ажыратып, анан алардын маа нилеринин өнүгүшүнүн тарыхый жолун тарыхтын өзүнө дал келгидей баамдап, сөздөрдүн маанилик структурасын ачык сезген, өтмө маанилер негизги маанилерден кийин жайгаштырылган деп келип, мисал үчүн бир эле баш деген сөзгө карата 300 карточка жазылганын айтат. Ооба, калетсиз. А. Баялиев сөздөрдүн семантикалык структурасын талдоого алган профессордун жолун түзүк айтыптыр. Ооба, беймарал киши байкай бербей турганды К. К. Юдахин эсепке алып, маанилердин чачыраш дарегин иликтүү тапкан. Ал турсун маанилердин ички чачырашын да байкап, аларды цифрадан кийин атайын белги коюп көрсөткөн. Сөздөрдүн маанилеринин чачырашынын жолдору көп го. Алардын жакындаштырып, көчүрмөлөп, окшоштуруп, салыштырып дегендей не бир ар кыл жолдор менен чачырап кетиши белгилүү.

Деги ойлоп көрүңүздөрчү, бир сөз үчүн үч жүзгө дейре ким карточка чогулткан экен мурда? Андай киши болгон эмес да. А көрсө, жана биз кызыгып отурган суроонун (сөздүн маанилеринин көптүгүн кан тип ачты дебедик белек) жандырмагы эми чечилмек болду сыягы, проф ессор кабатыр болуп, түйшүктү көп көрүп, «жолборс изи, иж, идара» дегенден берки «майда» сөздөрдөн тартып «тумарча бойлуу; баш канжыгада – кан көөкөрдө; ак ийилет, кара сынат; деген экен-деген экен, бир коёнду бир коён жеген экен; камчысы жакшыга түшкөн»… дегендей араңдан зорго уксаңыз угуп, укпасаңыз укпай-билбей жүргөн «чоң» сөздөрдөн бери чогулткан турбайбы. Анан ал фактылар авторго басма гүлдөй кооздукту берип, сөз маанилерин ийги чечкенге мүмкүнчүлүк алып келген тура.

Эгер сиз сөздүктөн: айгыр жыгар, арала, марал кулак, чоор куурай… деген өңдүү өсүмдүк атын; алик салмай, кубалашмай… дегендей оюндардын атоосун; чилги шабдаалы, кыркма, сары коон, сары тордомо… дегендей бакчачылык сөздөрүн; ак ийин (ала ханат ак ийин), чаар (чагыр) жылан, атан, албансары… шекилдүү зоологиялык атоолорду; олого, олоймон… дегендей табышмак сөздөрүн ж. б. тапсаңыз, анда сиз ошол өңдөнгөн сөздөрдүн ары далдаасында биздин агайдын зор эмгеги бар экенин көңүлгө тутуп койсоңуз болот.

К. К. Юдахин агайды эң жакшы билген окумуштуулардын бири – казакстандык илимпоз Симет Кенесбаев: «К. К. Юдахин белгилүү окумуштуу, көрүнүктүү тюрколог, советтик түр ко логияга баа жеткис салым кошкон, айрыкча кыргыз филология сына өзгөчө салым кийирген киши эле. Анын лексикографияга тиешелүү капиталдык эмгеги бардык тюркологдор үчүн колдон түшпөгөн зарыл китеп болот. Биз кымбаттуу курбубуздун элесин түбөлүккө унутпайбыз. Анын көзү өтүшү биздин илим үчүн оңой менен орду толо койбос» – деп, каңырыгы түтөп, аза сөзүн айткан.

Ооба-ооба, профессор К. К. Юдахиндин тюркологияга, кыргыз филологиясына «баа жеткис салым» кошкондугун өз учурунда далай профессорлор: А. Н. Кононов, Н. А. Баскаков, Б. М. Юнусалиев, А. Кайдаров ж. б. айтып чыгышкан. Ошондой баалардын бири белгилүү тюркол ог, профессор Э. И. Убрятовага таандык. Ал мындай дейт: «Кыргыз ССР ИАнын анык мүчөсү, Өзбек ССР ИАнын мүчө-корреспонденти, проф. К. К. Юдахин тарабынан түзүлгөн «Кыргызча-орусча сөздүктүн» жарыкка чыгышы советтик жана дүйнөлүк тюр кологиядагы чоң окуя болду». Ал эми профессорлор А. Н. Баскаков менен Б. М. Юнусалиевдер бул эмгек тюркологиядагы В. Радловдун «Опыт словаря тюркских наречий» (1888–1911, I–IV т); Л. Будаговдун «Сравнительный слов арь турецкотатарских наречий (1868–1871; I–II том); Н. И. Ашмариндин «Словарь чувашского языка» (1928–1950; XVII том); Э. К. Пекарскийдин «Словарь якутского языка» (1917–1930, I–XIII том) сөздүктөрүнөн кийинки капиталдык эмгек… Анын сөздүгү Советтер Союзундагы түрк тилдери боюнча сөздүктөрдү түзүүгө үлгү боло алат дешкен. Чынында 1940-жылдан бери жалпы эле тюркологиял ык лексикографиянын практикасында мындай сөздүк чыга элек болгондуктан, эң ири тюркологдор ал сөздүккө сук артып тамшанышып, жогорку бааны беришкен.

Сөздүктүн маанисин, ички касиетин ачууда Н.А. Баскаков менен Б. М. Юнусалиевдин рецензиясы башка бааларга караганда өзүнүн тереңдиги, толуктугу менен мүнөздөлөт. Бул авторлор сөздүктүн ичек-кардын, муунжүлүнүнөн бери аңтарып карап, анан ага карата чыны кесеге куюлгандай татына сөздөрүн айтып, жөө калбас кылып жарыялап чыгышкан.

К. К. Юдахин сөздөрдү жана ойлорду булут арасынан издеп же китептерден гана кагазга түшүрүп албастан, тетиги ай шооласы өзгөчө төгүлүп, илгери Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркырадан, андан бери ак эмгеги кайнаган Кеңсуу менен Сартологойдун айылдарынан тартып, тиги чокулары асман менен тирешкен күңгөй-тескей АлаТоосунун этегиндеги айылдарда болуп, өркөнү аптаптуу Ош тарапты кыдырып, гүл жайнаган Чүй кыштактарын аралап, бийик чөптөрү желге туйлаган Ат-Башы менен Нарындын айылдарын аңтарып, сөз байлыгын чогулткан. Анын бул кесиби – К. К. Юдахинди тилчи гана кылбастан, белгилүү даражада географ, тарыхчы, этнограф, биолог, зоолог, фольклорчу да болууга түрткү берген.

Ал өзбек-кыргыз тилдеринин сөздөрүн, сөздөрү чагылткан түшүнүктөрүн, ошол сөздөрдү таап, пайда кылган эл талантын мыктылап үйрөнүп, кабинеттик гана окумуштуу болбостон, чындыкка тике аралашып, чыгармачылыктын атмосферасын түзө билген, жалпы ишке бүт күчүн үрөгөн окумуштуу болгон. Ошон үчүн ал өзбек ССРинин илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган. Бул эки республиканын илимдер академиясынын эң жогорку наамына К. К. Юдахинди жетиштирген күч кайсы болду десеңиздер, ал: «Тилчилик эмгек болду» – деп жооп бере алабыз.

Ал дайыма тил үчүн окумуштуу закон чыгарбайт, бар болгону анын ички кубулуштарын ачып үйрөнөт. Тилдин ички кубулуштары окумуштуунун түзгөн эрежеси менен өнүкпөстөн, анын өзүнө таандык касиети менен өнүгүп, кубулат. Биз ошолорду гана баамдап, анан сөз кыла алабыз дээр эле. Албетте, учурдун талабы жана социалдык процесстер да тилге таасир берерин көп кеп кылуучу.

Кээде нанушта кылып же жөн эле нээт-максат тартып сүйлөшө калчубуз. Ошондо катыгүн-ай дебестен, тилдин көркөм чыгармадагы рол у, сөздөрдүн маанилеринин тарып же кеңейиши, анын метафоралык, метонимиялык ж.б. жолдор менен кубулуп турушу жөнүндө алоо – жалын болуп, мазаны келтирип сүйлөр эле. Дүйнөлүк көркөм чыгармалардан, орус адабиятынан, Жакынкы Чыгыш жана Орто Азия элдеринин адабиятынан мисалдар келтирип, азил-тамаша аралаштырып сүйлөчү. Табыятынан эле ал агай куудул, тамаша сөзгө, чымчып кеп салганга да маш болучу. Кам болуп, бышпаган ой айтсаңыз, сизди жылма гана маданияттуу түрдө чымчып койчу. Анан биз суу кече албай, болгон амир ушул экен деп, жыгачка урунган адамдай болуп олтуруп калчубуз. Бир чети уялчубуз. Бир чети сөз талашуу өөн го деп ойлочубуз. Ал агай, менин байкашыма караганда, көзү өткөнчө ошол юмордук касиеттен ажырабады. Анын юмордук касиети алтымыш жаш чагында абдан эле күчтүү болчу.

Сөздөрдөн улам түзүлгөн образ, элес жөнүндө кеп болгондо Орто Азия поэзиясындагы: көз, кал, чач, шарап, дөө, гүл ж. б. түшүнүктөрдүн тегерегинде пайда болгон сыпаттоолорду көп айтып, ошол символдордун айланасында келип чыккан эң эле жыш туюнтмаларды, ошол туюнтмалар билдирген ойлорду мисал кылып айтуучу. Мисалдарды тиги Саади, Хафиз, Омар Хаям, Низами, Алишер Навоинин казал, касыйда, рубаилеринен келтирер эле. Кылымдар бою жашап келген ошол образдык системадан тилдин маанилик жана эмоционалдык кооздугун, сайма-кештесин издегендей болуп кетүүчү.

Ал Гомер менен Шотадан, Пушкин менен Горькийден, Маяковский менен Есенинден, Абу-Али-ибн-Сина менен Абайдан, Токтогул менен Тоголок Молдодон да мисалдар келтирип, кызыктуу ойлорду айтып калчу. Алардын чыгармаларындагы керектүү пикирлерди көңүлгө туюп алгыла деп айтуучу. Ошондон биз дүйнөлүк, орус жана кыргыз, өзбек, казак ж. б. адабиятын көп эле аңтарыптеңтерип окуганын, аларды аб дан сүйүп кадырлаганын байкоочубуз.

Тилдин уккулуктуулук, кооздук-эмоционалдык жагы, маа нилик касиеттери өңдүү ж. б. кубулуштары профессорду өзгөчө кызыктырарын сезчүбүз. Ошол касиеттерди иргеп алыш, сөздүккө чагылдырууда автор чыгаан адистикти көрсөткөн. Ошон үчүн «Советтик Энциклопед ия» басмасынын редак ция сы 1965-жылы чыккан сөз дүккө басманын атынан жазган бет ачар сөздө К. К. Юдах инди: «Эң ири окумуштуу-лексиког раф» – деп атап келип: «Проф. К. К. Юдахин улуттук лексикографияны, өзгөчө түрк тилдеринин лексикографиясын негиздөө чүлөрдүн бири. Анын 1940-ж. «Кыргызча-орусча сөздүгү» советтик мезгилде түзүлгөн биринчи фундаменталдык улуттукорусча сөздүк болуп, ал Советтер Союзунда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кеңири маалым, анда сөздөр жөн гана катталбастан, сөздөрдү колдонуунун тереңдиги ошончолук толук көрсөтүлгөн. Сөздүк кээ бир улуттук-орусча сөздүктөрдү түзүүгө кыйла эле кызмат кылды…» – деп белгилейт. Бул баада төрт нерсеге өзгөчө көөңүл бурууга туура келет: К.К. Юда хинди «улуттук лексикографиянын негиздөөчүлөрдөн бири» дегенине; анын түзгөн сөзд үгү «фундаменталдык» эмгек деп эсептегенине; автор сөздөрдү колдо нуунун тереңдигин толук берүүгө аракет кылган дегенине; «Кыргызч а-орусча сөздүк» ошол типтеги башка сөздүктөрдү түзүүгө кызмат кылды дегенине. Мындай баа проф. К.К. Юдахиндин эмгегине берилсе да, ал автор андаза кылып иштеген кыргыз лексикографиясына белгилүү даражада тиешеси бар баа болгон.

К. К. Юдахин өзүнүн сөздүгүн түзүүдө бай материалдарды көркөм чыгармалардын ар кыл жанрларынан, илимий-популярдык китептерден, мезгилдүү басма сөздөн (газета, журнал ж. б.), фольклордон, элдик жандуу тилден чогулт канын жогоруда өз сөзү менен айттык. Ооба, сөз маанилерин тактоо, сөздөрдү чогултуу боюнча ал чабан, дыйкан, пахтачы, жумушчу жана интеллигенттер менен алакада болгону ырас. Анын ишине окумуштуулар, жазуучулар катардагы колхозчулар менен эл чарбасынын ар кайсы тармагында иштеген адистер да консультант болгондугу да чын. Аны өзү да дайыма сүймөнчүлүк менен эске алат эле.

Кийин мен автордун СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине белек кылып берген 6000 том адабиятынын ичинен В. Радлов тарабынан 1895-жылы жарыяланган «Образцы народной литературы северных тюркских племен» деген китебинин кыргыздарга тиешелүү болгон V бөлүгүндө К.К. Юдахиндин кандай запистери, койгон белгилери бар экен деп, кызыкчылык үчүн карап көрдүм. Анда эмне деген гана запись, белги ж. б. жок (ал үчүн китепканадагы 49-библиографиялык шифердеги китепти карап көрүңүздөр). Анда «Манас» эпосуна тиешелүү мурун жарыяланган адабияттар жөнүндөгү кабар, алардын авторлору көрсөтүлгөн. Кээ бир жерде сөздөрдүн мааниси кимдерден ачылгандыгы да белгиленген. Белги, жазуунун көпчүлүгү кара карандаш менен жазылган. Анан ал карандаштын тумшугу тийбеген барак, бет жок, жөн эле жайнайт.

Алсак, 497-бет, 4357-саптагы «муруттарын чычайтып» деген сөздүн маанисин ачыш үчүн «баш бармак, бадал жүрөк (эр жүрөк), ортон оймок, оюу чиймек, чын чыпалак, чычайган кысталак» деген куюлма-оюн сөздү мисалга келтирген. «Шырдак» деген сөз жолуккан жерде «шырдак – расшитая кусочк ами и полосками кошма, сначала делают ойчу (приводят линии): а потом оюу (выем ке для рисунки)» – деп булардын баарын тээ 20–30-жылдарда жазган. Балким, унутуп калбайын деп жазгандыр, балким, китепти окуган башка адамдар ошол сөздөрдүн маанисин терең билсин деп жазгандыр. Деги эмнеси болсо, ал сөздү чечмелөөлөр деп жазып коюп дурус иш кылган экен. Андайга коюла турган доо жок жок эмеспи. Сөздөрдүн жонгучкадай гүлү ачыла калган кезде сөзмөр адамдардын түшүндүрүүлөрүн жазып койгон экен. Автордун мындай бүйрөлүгүнө кийинки окурмандар эч малал болбой, канттай көрүп окуурунда шек жок.

Кымбаттуу окурман, ошол миллиондогон саптагы учу-кыйыры жок сөздөрдү капкан бузуп, тузак үзүп окуп чыгыш оңой эмес да. Окуганда да сөздөрдүн канын гана эмес жинин кошо ажыратып, аларды кең майданга алып чыгып, өзөгүн ачып окуш, чынында, оңой эмес? Мындай зерикпей, сөз маанилерин аңтарып, керектүү месел, жорго сөз, ар кыл мисалдарды кошо жазып окуу, мүмкүн, илимпоз К. К. Юдахиндин кандай киши экендигин көрсөтүп калды го дейм? Ачыгын айталы, тилдин байлыгын аңтарам деген адам болбосо, ким эле тажабай сөз «жүрөгүн» ушинтип ачып окуйт?!

Биздин К. К. Юдахин өлкөбүздөгү таланттуу лексикограф, лекси колог, тюрколог болду. Анын тил илиминдеги таланты да ушул «Кыргызча-орусча сөздүк», «Орусча-кыргызча сөздүкт өрдүн» жарыкка келишинде айкын көрүндү. Албетте, адам кыялга, элеске бай келет да. Би рок кишинин баары ошол кыял, элесин адам таң калгандай, көпчүлүккө жаккыдай кылып ишке ашыра ала бербейт эмеспи. Ошон үчүн К. К. Юдахиндин түзгөн сөздүгү жөнүндө ири тюркологдун бири – Э. И. Убрятова минтип жазган: «К. К. Юдахиндин сөздүгү кайсы гана түрк тилин изилдөөдө болбосун лексикологиялык пособие болуп калды».

Маркум К. К. Юдахин тээ 1920–1925-жылдардан тартып, 1975-жылдын март айына чейин нечен жүздөгөн кыргыз адамдары менен сүйлөшкөн. Миңдеген студенттерге сабак берген. Он-ондогон адабий, маданий, агартуу, илимий кызматкерлер менен аңгеме курган. Эл кадырын билип, элдин тилин алтындай баалап, качан көрсөң сөз жыйнап, бир күнүн бошко кетирбей, өмүр өткөргөн адам эле. Ал ошол узак жылдар бою нечен ондогон кыргыз интеллигенттери менен достук, курбулук, устаттык мамиле түзүп, кайсы бирлери менен бурадар болуп, алаканы бек түзүп келген. Ал агай, менин баамымда, Социалисттик Эмгектин Баатыры, кыргыздын эл акыны Аалы Токомбаевди, академик Б. М. Юнусалиев ди, ыраматылык Жапар Шүкүровичти, профессор К.К. Ка расаевди, өзү тарбия берген окуучуларынан Б. О. Орузбаеваны ж. б. кадырлап, чыныгы ниет менен аларды урматтар эле. Мен көбүнчө ал агайдын Б. М. Юнусалиевге филолог-окумуштуу катары жогорку баа бергенин көп уктум. Ал кишинин жазгандарын абдан кунт коюп окуп, олуттуу мамиле кылып, көп учурда анын ойлоруна макул болуп, илимдин далай белесин ашкан окумуштуу катары көрүүчү. Ал эми Б. М. Юнусалиевдин жыйган-терген китептерин, кол жазмаларын университеттин китепканасына алууда да ал агай өзү катышып, өзү башкарып чоң кол кабыш кылган.

1924–1925-жылдардын аралыгында К. К. Юдахин Ташкендеги уни верситеттин акыркы курсунда окуп жүрүп, кадыресе даярданган адис катары биринчи курстун студенттерине өзбек тилинен сабак бере баштайт. Ошондо өзүнүн зээндүүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт. Бир эле мезгилде өзү студент да, мугалим-педагог да болот. 1925-жылы ал унив ерситеттин түрк жана иран филологиясы боюнча адистигин бүтүп, Ташкент шаарындагы Кироблононун академборбору деп аталган мекемеде илимий секретарь болуп иштейт. Ошондон кийин ал бат эле проф ессор С. Е. Маловдун жетекчилиги менен илимий иш жүргүзүү үчүн Ленинград шаарына жиберилет. Ленин град шаар ында жүргөндө ал орус адабиятын, батыш жана чыгыш элдеринин көркөм чыгармаларын, чыгыш элдеринин тилиндеги кол жазмаларды (өзгөчө араб, уйгур, эски өзбек, рун, санскрит жазууларын) окуп чыгат. Искусствонун, эл чыгармачылыгынын казынасына дити түшүп, анын ар кыл тармагы боюнча кеңири маалымат алат. Ошентип, курдаштарынан кыйла айырмаланып чыга келет. Ленинграддагы Енукидзе атындагы чыгыш институтунда баягы өзү сүйүп үйрөнгөн өзбек, кыргыз, казак, уйгур тилдеринен дагы да сабак берет. Ошол эле сабакты Ленинграддын мамлекеттик университетинде окуйт. Ошентип, кыргыз тили өзүнчө предмет катары адегенде Ташкенде, анан Ленинграддын институту менен университе тинде сабак болуп окутулушунда К.К. Юда хин көп күч жумшаган. Ошентип, советтик кыргыз элинин сөздөрүн, тилин кең аудитор ияга алып чыгып, интернационалдык зор иштерди аткарган адамдардын бири ушул окумуштуу болгон.

Профессор К. К. Юдахин өзүнүн пикирлерин жазуу жүзүндө туюндурганда болобу же оозеки баяндаганда болобу, татаал метафоралык туюнтмаларды колдонбостон, ар кандай маселелерге реалисттерче ма миле кылып, анан тактыкты, тууралыкты, чындыкты гана талап кылып сүйлөп же жазар эле. Кыргыз филологиясына, өзгөчө тилге байланыштуу китептер дин кол жазмасын, же жарыкка чыккан нускасын окуганда, андагы адаптацияланган жерлер болсо, болбосо психологизмге берилип кеткен баян доолор орун алса, аларды жактыра бербей калчу, эгер окуучуларынын эмгектеринен ошондой көрүнүштөр орун алса, аларды кыскарттырып да салчу. Муну мен «Кыргыз диалектологиясынын очерки» (1959; Э. Абдулдаев менен бирге), «Памирдик-каратегиндик кыргыздарда» (1966; К. Иманалиев менен бирге), «Кыргыз тилинин грамматикасы» (1968; С. Давлетов, С. Турусбеков менен бирге); «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» (1972) ж. б. жазганда байкагам. Ал профессор Б. М. Юнусалиевдин «Кыргыз диалектологиясы» китебин редакциялаганда да ошол пикирлерин кайталап айтканына күбө болгонум бар эле. Маркум К. К. Юдахин, менин баам ымда, ар бир эмгектин, макаланын өз бети, өзүнүн социалдык-индивидуалдык мүнөзү, жүзү болуш керек деп турчу.

Ал адамдарга дайыма түз, ак көңүл менен табигый түрдө өз баасын билип, бирок эч качан көтөрүлбөй, жумшак мамиле жасар эле. Биз бир кезде бир казак жигит, дагы бир уйгур жигит, мен үчөөбүз анын аспиранты болуп окуп калдык. Анда ал кишинин байбичеси Ольга Кирилловна тирүү эле. Эгер биз агайдын үйүнө барып калсак, эшикти өзү ачып берип, түрдүү китептерди өзү көтөрүп келип: «Сен муну оку, сен тигини оку» – деп тапшырмаларды берер эле.

Агай бир айткан, төп айткан сөздү жакшы көрчү. Эгер бир эле айткан сөзүңүз эки ача чыкса, ал абдан капа болуучу. Ал эми аны мен ен жакшы мамиледе жүрүп, кийин кандайдыр ал мамиле бузулса, ага абдан кейип, ал жөнүндө эки-үч мертебе кайталап, анан кейигендигин билдирип да коёр эле. Кээде, өзгөчө сексенден өтүп калган кезде, анын оюна адамдардын курбулугу, теңтуштугу келчү бекен же жамашып-жазгашып оокат тергеп, анан керчөөдөй болгон талааны аралап, эл ичин кыдырган күндөр ү эске түшчү бекен, айтор билбейм, кез-кезде баягы ооруп калардан мурда аларды айтып, бир аз-бир аз эрип да кетүүчү.

К. К. Юдахинди кыргыз лексикографиясына ушунчалык берилип, ушунчалык чоң абийир, тактык менен иштеген киши дедик. Аныбыз калыстыр. Ал түзгөн «Кыргызча-орусча сөздүккө» анын кыргыз тилинин байлыгын чогулткан элүү жылдык өмүрү чөгөрүлүп, тамыр чачты. Бул сөздүк – кыргыз филологиясындагы уникалдуу эмгектин бири. Ал – советтик кыргыз маданиятына кошулган эң ири салым. Андагы кыргыз сөздөрүнүн кооз дүйнөсүнө бир батсаңыз, эл турмушу эмне экенине, эл акылы эмне экенине бир таң каласыз. Буюрбасын, эгер чыдап кызыгып окусаңыз, андан жаттап алар макал дарды табасыз, дүрүйөдөй кооз идиомалар кезигет, беделди түшүрбөгөн учкул сөздөр учурайт. Жандуу жазылган тарыхка берилип, кызыктуу жомок окугандай болуп жетеленип да кетесиз. Анын тарыхый мааниси – кыргыз лексикографиясынын төл башы да, ошол эле учурда бийик чокусу да болуп жаралып, элдин тилдик казынасын биринчи жолу камтып бергенинде.

К. К. Юдахин менен кээде бак-бак эткен карыя, ооз менен иш бүтүргөн жалкоолор же илиппай деген элпек киши жөнүндө сүйлөшөбүзбү, болбосо таманы төрт эли бут кийим кийген жаштар жөнүндө кеп кылабызбы, баары бир илим маселесине кайрылчубуз. Ал илим жөнүндө талыкпай кеп салган, илимдин жогорку идеалына бүтүндөй берилген, илимдеги нравалуулукту бийик сактаган окумуштуу эле. Анын мындай касиетине биз, окууч улар, дайыма сыймыктанчубуз. Ал дайыма коллективди кадырлап, коллектив менен бирге болчу. Илимдеги фундаменталдык иликтөөлөрдү, өжөрлүк менен иштегенди жакшы көрчү.

Ал агай мен али жарык дүйнөгө келе элегимде эле тил илиминин орозгери болгон киши экен. Кийин ал кишиге мен эр ортонунан өтүп, тамыры эл ичине жайылып, илимий жактан айни кызык иштерди бүтүрүп жаткан кезде жолугуп, окуу чу болдум. Ошол мен билгенден бери ал агай элге, журтка, Мекенге чоң пайда берүү үчүн тынбай эмгектенип келгенине күбөмүн.

Мындай бир суроо туулат: 1940-ж. чыккан «Кыргызча-орусча сөздүк» 25000 сөздөн туруп, 1965-ж. чыккан сөздүк 40000ден ашса, ал сөз дөр кайдан чогулду? – деген. Көпчүлүккө белгилүү болгондой кыргыз адабий тили Социалисттик Улуу Октябрь революциясынан кийин өнүккөн. Табигый түрдө ал өзүнүн адепки өнүгүшүндө бүгүнкүдөй кубатка жете элек эле. Ошентсе да ал адеп түзүлө баштаган кезде эле жалпы элдик лексиканын эсеби менен бирге интернационалдык сөздөрдүн жана орус тилинин лексикасынын эсебинен жандана баштайт. Жалпы эл дик кыргыз тили адабий тил катары түзүлүп, көркөм чыгармалар, ар кыл китептер жазылып, пресса өнүккөнгө чейин китепке түшкөн сөздөр бүгүнкүдөй кеп эмес эле. Ошол мезгилде К. К. Юдахин сөздөрдү көбүнчө оозеки булактан, андан кийин фольклордук чыгармалардан жыйнайт. Муну автордун өзү айтар эле. Аны өзү менен бирге иштеген, лабораториялык иштерин жакшы билген замандаштары жана рецензия жазган адамдар да атайын белгилеп келишкен. Мунусу ырас. Муну билүү анча деле кыйын эмес. Анткени сөздүктөгү илгерки көчмөн турмушка, натуралдык чарбачылыкка, патриархалдык тиричиликке, момо томолок менен салынган үй курулушуна, ит тамандап салынган оюм-чийимдерге, ак жем берген бүркүтчүлүккө ж. б. байланыштуу сөздөр так жогорку эки булактан жыйналгандыгы ачык сезилет. Бул өңдүү сөздөр 1940-ж. сөздүктө неологизмдерге караганда басымдуу.

Жаңы заманда көөн ачкан ири социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр болуп өттү. Ошонун баары тилдин лексикалык катмарларына кызуу кан жүгүртүп, жаңыдан өтө көп сөздөрдүн пайда болушуна алып келди. Мындай процесстер кийин да күч алып, азыр кыргыз адабий сөздөрү дүйнөнүн эң бир асыл, татаал сырларын туюнтууга жарайт. Сөздүктүн кийинки басылышында жаңыдан жаралган терминдер, туюнтмалар, социалдык-экономикалык, маданий, илимий турмушта келип чыккан жаңы сөздөр көбөйгөн. Алардын стилдик жактан белгилениши да тыкандалып, пропорционалдык жактан катыш бир кыйла өзгөргөн. Мурда мисалы: боз үйгө, өтүкчүлүккө, малчылыкка ж.б. сөзд өр көп чогултулган болсо, кийин аларды дагы да арбыта берүү менен бирге, жаңы лексиканын чогулушу басымдуулук кылат. Мындай өзгөчөлүк «Кыргызча-орусча сөздүктүн» жетишкен үлгү жактарынын бири.

1940-жылы чыккан «Кыргызча-орусча сөздүк» да өз учурунда жарыкка келген түркү-орусча сөздүктөрдүн ичиндеги чыйрактарынын, ал турсун, лексикографиялык касиети жактан мыкты түзүлгөндөрүнүн бир и болгон. Ошон үчүн ал өз маалында мактоо отзывдарын алган. Ав тор кийин да кыргыз адабий тили уламдан-улам чыңалып, бийиктелип, анын көркөм стили абдан ири адабий чыгармалардын жаралышы мен ен өсө бергенин, пресса тили өзөк байлап бышыкталганын, илимий стиль түзүлүп жетилгенин сезе бергендиктен, ал ошол 1940-жыл деңгээлинде сөздүк менен токтоп калууну туура көргөн эмес. Республикабыздын борборунда жашап, эл арасында жүрүп, советтик кыргыз элинин турмушундагы жаңы кубулуштардын, курулуштардын күбөсү да болуп өмүр сүргөндүктөн, ал элдин оозеки тилинде дагы, адабий тилинде дагы жаңылыктардын импульсун ачыктык менен сезип, сөздөн сөз чыгарып, укмуш китеп калтырып кетти. Ыраматылык К. К. Юдахиндин лексикографиялык эмгектерин окуганда бир кездеги кетмен чаап, эгин оруп, машак терген адамдардын үнү менен, бүгүнкү күндө ГЭС куруп, самолет минип, илим сырын ачкан кишилердин добушун угасыз. Мында улуулардын насааты бар, эмгектин терин, сөздөрдүн берметин көрөсүз. К.К.Юдах индин сөздүктөрүн колго алган сайын анын үнү менин кулагыма жаңырат. Элеси арчалуу жашаң бетти аралап бараткансып, ошол жашаң беттин төшүндө сөз жазып жаткансып көрүнүп кетет…

Жээнбай МУКАМБАЕВ

ИШЕНААЛЫ АРАБАЕВ

Совет бийлигине чейин алыскы шаарларга барып, орто жана жогорку окуу жайларынан билим алып, бала окутуу жагынан элге-журтка белгилүү болгон окумуштуу- методисттердин саны бир топ болсо да, алардын ичинен эң негизгилеринин бири катарында И. Арабаевдин атын атоого болот.

Ал 1882-жылы азыркы Кочкор районуна караштуу Күнбатыш айылында сарбагышка таандык Катаган (Чекир саяк) уруусунда орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туул ган. Ишенаалы эки жашында атасынан ажырап, энесинин колунда он жашка чейин тарбияланган. Ал өтө зээндүү жана тырышчаак болгондуктан, алгачкы билимди өзү туулган айылдан алып, он жети жашынан тартып бала окута баштайт.

Кийинчерээк Караколдогу мусулман мечитинин алдында беш жарым ай кызмат кылып, анан ошол жердеги татар мектебинен беш жыл чамасында билим алуусун уланткан. Андан ары ошол жерде ачылган жаңы усулдагы мектепте (усили жадиз) бир жыл чамасында окуган. Анын абдан зээндүү экенин байкаган мугалими Заиров Таирдин берген кеңеши боюнча Оренбург шаарындагы мектепке окууга барат. Бирок бул жердеги окуу жайына өтө албай калгандан кийин, Константинополго (Стамбул) барып, түрк диний мектебине кабыл алынган. Алты ай чамасында окугандан кийин алдыңкы окуучу катары ошол мектептин эсебинен мусулман дүйнөсүнүн илимий борбору болгон Арабиянын Измир, Бейрут, Мекке, Медина шаарларында бир жарым ай чамасында зыярат жасап, кайрадан Константинополь шаарынан окуусун улантат.

Бирок бул мектептен аягына чейин окубастан, кайрадан Оренбург шаарына барат. И Арабаевдин эскерүүсүндө Хусейин медресесинде жалпы билим деңгээли жогору болуп, анда жалаң гана диний сабактар менен чектелбей, Европа үлгүсүндөгү бир катар сабактар окутула тургандыгын көрсөткөн. Жайкы каникул мезгилинде өз айылына келип, бир жыл чамасында балдарды окутуу менен өзүнө тиешелүү каражат топтоп алгандан кий ин кайрадан окуусун улантуу үчүн 1910-жылы июнь айында Уфа калаасына келип «Галия» медресесине кирет.

Бул окуу жайынан окуп жүргөндө ал жергиликтүү татар интеллигенттери менен таанышып «Шура жана Исламия» (же «Алаш») союзу жүргүзгөн кыймалдарга катышкан. Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда И. Арабаев окуучу катары эмес, агартуучулук жана сая сий жактан калыптанган мугалим катарындагы алдыңкы инсандардын биринен болгон. Анын илимге болгон кызыгуусу жогорулап, бул багытта чыйыр салган окумуштуу катары белгилүү боло баштайт. Ал «Галия» медресесинен окуп жүргөндө араб, түрк, татар, орус тилинен билим алып, тарых, география, биология боюнча көптөгөн маалыматтарды алууга жетишкен. Окуудан тышкары убакта өз бетинче системалуу түрдө билимин жогорулатып, адабий китептерди, гезит-журналдарды, дин жаатында көп окуу менен коомдук-саясий, педагогикалык көз караштары жетилип, эл агартуу иштерин өнүктүрүү боюнча кандай жумуш тарды бүтүрүү зарыл экендигин көз алдына ачык элестете алгандыктан, медреседе окуп жүргөндө окуу-жазуусу өнүккөн маданияттуу, билимдүү элдердин окуу-методикалык китептеринен кеңири пайдаланып, окуу китебин жазуу жөнүндө көптөн бери өзүнүн тынчын алган оюн турмушка ашыра баштаган. Ал үчүн бир катар даярдык иштерин жүргүзүп, бирге окуган Х. Сарсекеев экөө «Алип бээ йаки төтө окуу» китебин 1912-жылы «Шарк» басмасынан чыгарат.

Бул кыргыз тилинде чыккан окуу китептеринин көч башы болуп, аны жазууда көбүнчө татар, өзбек, казак тилиндеги алиппе китептерди, И. Гастринскийдин, И. Алтынсариндин, ал аркылуу К. Д. Ушинскийдин окуу китептерин үлгү катары пайдаланышкан. 1892-жылы жарык көргөн И. Гастринскийдин «Ховадже сивян» (Мугалим жана бала») окуу китебинин түзүлүш принциптерин өздөштүрүп, эски усул менен окуткан мектептерге караганда кандай артыкчылыгы бар экендигин белгилеп, окууга жана жазууга бир убакта үйрөтө тургандыгы эсепке алынган.

1912-жылы И. Арабаевдин «Жазуу өрнөктөрү» (основы правописания) деген китепчеси Оренбург шаарындагы «Вахит» басмасынан жарык көрөт. Ушул окуу куралдарынын жарык көрүшү кыргыз элинин тарыхый-маданий эстелиги катарында мааниси чоң болуп, эне тилиндеги эң алгачкы окуу китебинин бири катары эсеп телген. И. Арабаевдин мыктылыгы жашы илгерилеп калгандыгына карабай, билимин жогорулатып, чымырканып эмгектенүүнүн натыйжасында окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүү менен бир катар китептерди басып чыгарууга үлгүргөндүгүндө.

Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт. Андан бери бир кылымга тете убакыт өткөндүгүнө карабастан, алыскы шаарлардан окуган жүздөгөн кыргыз жаштарынын ичинен өз элине ошончолук көп кызмат кылып, өз каражаты менен окуу китептерин бастырып чыгарган кишинин атын бүгүнкү күнгө чейин уга элекпиз.

1913-жылы медресени бүтүрүп келгенден кийин Каракол кантону Коңур-Өлөң болушунда мугалимдик ишин улантып, тегерегине келечеги бар мыкты мугалимдерди топтоо менен кайрадан бала окутуп киришет. Бир жылдан кийин Төрткүл айылына которулуп, жаңы усул менен окуган «Курмания» мектебин ачып, окуучулардын билимине жараша класстарга бөлүп окутууну баштайт. Ал жөнүндө Алдаш уулу Сейитаалы мындайча эскерет: Тогуз-Булактын алдындагы аралга жыйырмадан ашык үй тиктирип, Ишенаалы молдо бала окутканын билем. Анда окуган үч жүзгө жакын балдар класстарга бөлүштүрүлгөн. «Курмания» мектебинде билимине карата окуучуларга диндик китептерди гана окутпастан, эсеп, география, биология, тарых ж. б. сабактардан да тиешелүү маалыматтар алышкан. 1913–1916-жылдары окуган айрым окууч улардын айткандарына караганда алгачкы учурда «Курмания» мектебинде боз үйлөрдө окутулса, кийинчерээк кадимки эле партага отуруп, доскага жазуу менен окуу, эсеп сабагын өтүп, башка сабактар боюнча да алдын ала, өзү ала келген китептерден пайдалануу менен окутуунун жаңы методикалык ыкмаларын өздөштүрүп, анын аты ошол өрөөндөгү көп мектептерге белгилүү болгон. Кийин анда окуган окуучулардын көбү өз мезгилинде бала окутуп, элдин сабатсыздыгын жоюу иштерин жүргүзүшүп, Совет бийлигинин мезгилинде да мугалимдик кесиптерин улантышып, кыргыз интеллигенциясынын алгачкы карлыгачтары болушкан.

И. Арабаевден окуп, көп жылдар мектепте мугалим болуп иштеген О. Мамыров ал жөнүндө мындайча эскерет: Мен ага чейин үч жыл окуп, «Куран», «Аптиекти» окуганга жарап калгам. Бирок караманча жаза алчу эмесмин. Жазганды Ишенаалыдан окуй баштаганда эки айдын ичинде шар окуп, жазганды да үйрөндүм. Көрсө, ага чейинки молдолор шариаттын тегерегинде окутуу менен гана чектелишкен тура. «Курмания» мектебинде мен сыяктуу мурда сабаттуу болуп калгандарын өзүнчө класска бөлүп окутту. Жалаң гана окуганды жана жазганды эмес, эсеп, география, табият таануу сабактарын да окуткан. Мени 1919-жылы Токмоктогу алты айлык курска киргизген да ошол киши болгон».

1917-жылы кыргыз жергесине Совет бийлиги орногондон кийин И. Арабаев Тоң болушунда жергиликтүү кеңештин милдетин аткаруу менен жер-жерлерде педагогикалык курстарды ачып, мектептин алдында ар кандай ийримдерди уюштурган. Жети-Суу облревкомунун башчысынын орун басары болуп иштөө менен 1921-жылы 5-декабрда Союз Кошунунун 1-съездине делегат болуп шайланат. Кийинки жылы 5-декабрда Москвада өткөн Бүткүл россиялык Кеңештин 1-съездине делегат болуп катышат. Кийинки жылы Түркстан Эл агартуу комиссиясынын коллегия мүчөсү жана инспектору болуп иштейт.

1924-жылы Кыргызстан өзүнчө автономиялуу область болуп түзүлгөндөн кийин И. Арабаев Академборбордун төрагасы болуп, эл агартуу иштерине илимий-методикалык жагынан жетекчилик кылып, окуу китептерин, илимий-популярдык жана көркөм адабияттарды басып чыгаруу жагын колго алып, бир катар маанилүү иштерди бүтүрүүгө жетишкен. 1924-жылы «Эркинтоо» гезитин чыгарууда редколлегиянын мүчөсү болуу менен ага чоң салым кошуп, газетаны чыгарууга байланыштуу реформаланган араб алфавитин иштеп чыгуу менен элдик оозеки чыгармаларды жыйноого да көп көңүл бурган. Ушул жылдары Эл агартуу иштери жаңыдан гана жандана баштагандыктан, маданий революциянын башында туруу менен курста окуган мугалимдердин санын кескин түрдө көбөйтүп, алардын ийгиликтүү иштеши үчүн кам көрүү жагынан И. Арабаев бардыгынан көп эмгектенди десек жаңылышпайбыз.

И. Арабаев 1925-жылдын 23-майынан тартып, област тык эл агартуу бөлүмүнүн коллегия мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы болуп кайрадан бекитилет. Ал мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча Кыргызстандын өкүлү болуп өзбек, тажик, казактар менен биздин чек араны аныктоодо бир катар иштиктүү чараларды көргөн. Бирок ушул жылдары айрым маселелер боюнча көптөгөн талаш-тартыштар пикир келишпестиктер көбөйөт. Анын эң башкыларынын бири латын алфавитине өтүү болгон. Араб жазуусу узак мезгилден бери элибизде кеңири колдонулуп жаткандыктан, бул алфавитте көп китептер басылып, мезгилдүү басма сөздөр чыгарылып жаткандыктан, аны латын алфавитине өткөрүүнүн эч кандай зарылдыгы жок экендигин далилдеп көрсөткөн.

Съезддин делегаты болгон А. Байтурсуновдун сөзүндө араб алфавитинен латын алфавитине өтүүнүн эч кандай зарылдыгы жок экендигин, бул жагынан И. Арабаевдин пикирин жактай тургандыгын билдирет. Ошого карабастан, съездде жаңы алфавитке өтүү жөнүндө токтом кабыл алынган.

Экинчиден, 1925-жылы Кыргыз обкомунун 1-секретары М. Д. Каменский, 2-секретары Р. Бабаканов «Кошчу» союзунун төрагасы Т. Кудайбергеновго каршы болуп, «Отузчулардын» арызын уюштургандардын бири И.Арабаев болгондуктан, ага Кыргызстандагы социал-туран партиясынын мүчөсү, эски заманды мактоого алып, Совет бийлигин көрө албастыктан, өкмөткө каршы саясат жүргүзүп, улутчул, динчил болгондугун, Кыргызстанды СССРден бөлүп кетүүгө аракет кылган фракциянын лидерлеринин бирөө катары саясий айыптар коюлуп, партиядан чыгарылган жана жетекчилик кызматтардан четтетилип, советтик бийликтерде (аппараттарда) пайдалануу жагы сунуш кылынган.

Бул жерде белгилеп кете турган бир маселе, эмне үчүн отуз кишинин ичинен А. Сыдыков экөө гана партиядан чыгарылды деген суроо туулат. Айрым маалыматтарга караганда бул эки инсан ар дайым бул же тигил маселе боюнча бирдей көз карашта болуп, биринчиси уюштуруу чулук жөндөмү чоң болуп, ошол маселелерди ишке ашыруучу катары, экинчиси көптөгөн маселелер боюнча кеңешүүчү болгондугу менен айырмаланган. А. Сыдыков бул кишини бекеринен устатым (окутуучум) деп айтпаса керек. Ал И. Арабаевди улуу болгондугу үчүн гана эмес, иш билги болуп, көп акыл-насааттарын айткандыгы үчүн устаты катары эсептеген. Ага дагы бир мындай мисалды келтирүүгө болот. А. Сыдыковдун кызынын жазган бир эскерүүсүндө ал кишини атасы абдан сыйлагандыктан, Алматыдан Ташкенге көчкөндө, өзүлөрүнүн жашаган үйүн И. Арабаевге таштап кеткенин айтат.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Ж. Абдрахманов И. Арабаевди өзүнүн мугалими катары эсептеген. О. Алиев да И. Ара баевди дайыма сыйлагандыктан, абдан кичи пе йилдик менен сылык мамиле кылган. Ошону үчүн ал жамандалып партиядан чыгып калгандыгына карабастан, 1926жылы Бакуда өткөн Түркологиялык конференцияга өзү менен кошо комиссиянын составына кошуп алып барган.

Ушунун өзү эле бардык жоопкерчиликти өзүнө алып, аны канчалык сыйлаганын билдирип турат. Ал кезде республиканын жооптуу кызматчыларынан тартып, окумуштуулар, маданий-агартуу жаатында иштегендердин бардыгы тең аны терең сыйлашканы үчүн кыргыз интеллегенциясынын молдокеси болуп аталган.

И. Арабаев 1926-жылдын 14-февралынан тартып, милициянын мектебинде, Фрунзе шаарындагы №8 мектепте, совпартшколдо, акушердик даярдоо курсунда кыргыз тилин окуткан. Кийин медициналык техникумда окутуучу болуп, илим-изилдөө институтунда штаттан тышкары илимий кызматчы катары эмгектенген. Ал жөнүндө эмгек китепчесинде минтип жазылган: «С 25 апреля 1931 года по 1932 год работал нештатным членом научно-иследовательского института, составлял учебник «Азбука естествознания» на киргизском языке». Медициналык окуу жайынын окутуучулук кызматынан бошотулуп, 1933-жылдын 11-майында камакка алынган.

И. Арабаевдин кандай шартта камакка алынганын жана каза болгонун В. Плоских мандайча түшүндүрөт. «Он был арестован через два дня после ареста Сыдыкова, Сопиева, Курманова, Тельтаева и Тулина в г. Фрунзе. Постановление об аресте было подписано Ташкентским следователем оперуполномоченным особого отдела Среднеазиатского военного округа С. В. Левшиным. Арестованных доставляли в Ташкент, где следователь Левшин вел «Дело». И Арабаева привезли в Ташкент 6 июня 1933 года. На следующий день его навестил С. В. Левшин, а вечером И. Арабаева в камере нашли мертвым. Сохранился рапорт следователя и акт судебно-медицинс кой экспертизы, никаких других документов касающихся И. Арабаева в тюремских деле нет».

Ошентип, Ишенаалы молдоке болбогон жалаа менен камакка алынып, Ташкенттеги түрмөдөн каза болгон. Анын туура эмес камалганы Түркстан согуш округунун 1958-жылы 5-июлдагы токтому менен далилденген.

Реформаланган араб алфавитинин негизинде «Кыргыз алиппеси» И. Арабаев тарабынан жазылып, 1924-жылы Ташкенттен төрт миң нускада басылып чыгат. Бул окуу китебин түзүүдө 1911-жылкы «Төтө окуунун» керектүү жерлерин пайдаланып, көбүнчө А. Байтурсуновдун, «Казакша алиппесинин» түзүлүш принциптерине таянган. Ал жөнүндө автор өзү белгилеп көрсөткөндөй «Казактын тумагынан кыргыздын тегерек тебетейи жасалган».

Ошентсе да бул окуу китеби көп жолу кайрадан басылып, ошол кездеги илимий-методикалык талаптарга жооп берген маданияттын күзгүсү катары кызмат кылып, кийинки окуу китептерине көп жагынан үлгү болду. Бул китептин дагы бир артыкчылыгы элдик оозеки чыгармалар, макал-лакап, табышмак, жаңылмачтар көп берилип, окуу китебинин алгачкы жолу басылышы гана эмес, эне тилинде жазылып, кыргыз элинин маданиятына чоң салым кошуп, биринчи жолу «дың» бузгандыгы менен баалуу болуп са налат.

И. Арабаев чоңдор үчүн 1925-жылы «Сабатсыздыкты жоюу алиппесин» алгачкылардан болуп жазган. 106 беттен турган бул алиппе он миң нускада басылып, китептин кириш сөзүндө анын тыбыш методу менен жазылганы көрсөтүлөт. Алиппе китебинде тигил же бул тамганы үйрөтүү боюнча берилген тексттердин аягында мугалимдерге арналган бир катар методикалык сунуштар бар. Ал кезде тигил же бул окуу китебинин методикалык көрсөтмөлөрүн жазуу жана аны китеп кылып бастыруу көп кыйынчылыктарды туудургандыктан, чоңдорго арналган окуу китебинде тигил же бул тема боюнча бир катар методикалык сунуштар берилген. Ошол жылдары И. Арабаевдин чоңдорго арналган «Алиппе» китеби кеңири пайдаланылганын, канчалык мааниси чоң болгонун далилдеп отуруунун зарылдыгы жок. Кезинде эл агартуу министри болгон О. Алиев И. Арабаевдин бул китебинин маанисин абдан жогору баалаган. Б. Данияровдун макаласында: «Ошто ачылган мугалимдерди даярдоочу курста кыргыз тили боюнча мугалим жок болуп, ага И. Арабаев келгенден кийин анын мөөнөтүн эки эсе көбөйтүп, мугалимдерге көп жаңылыктарды үйрөткөндүгү үчүн курста оку гандардын атынан газета аркылуу чоң рахматын айткан («Эркинтоо», 1925, 1-март).

1926-жылы бул китепке бир катар оңдоолор киргизилип, экинчи жолу басылат. Ушул жылы башталгыч класс тар жана сабатсыздыкты жоюу боюнча чоңдордун мектебине арналган кыргыз тилинин программасы биринчи жолу жарык көрөт. Анда И. Үркүнчү уулунун жазган кириш сөзүндө: «Ушул убакка чейин мектептерде эч кандай колдонула турган материалдар болбогондуктан, мугалимдер балдарына эмнени окутууну өзүлөрү да жакшы билишкен эмес. Бул программа бүтүн сөз методу менен түзүлгөн. Биздин мугалимдердин көбү бул метод менен тааныш болбогону үчүн сөз методуна ылайык китептер жок болгондуктан, убактысынча мугалимдер тыбыш методун колдонуп, окутса да болот. Эми окуу чуларды мурункудай бет алды, башаламан окутканды коюп, программанын чегинен чыкпоо керек. Программада көрсө түлгөн материалдарды окубаса, сабатсыздар мектебин бүттү деп эсептөөгө болбойт» – деп жазган.

Бул программа оригиналдуу болбосо да, сабатсыздыкты жоюу мектептеринде окутууну тиешелүү системага салууда мааниси чоң болгон. 1925-жылы окуучулардын сабаттуу болушун жакшыртуу максатында И. Арабаевдин «Жазуу жолунда саамалык» деген китеби жарык көрүп, бул эне тилин окутууда жазуу эрежелерин үйрөтүү багытындагы алгачкы методикалык колдонмо болуп саналат. Бул кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча колго ала турган эч кандай окуу куралы жок болуп турганда жазылган. Ал тургай мугалимдердин тунгуч съездинде орфо графия боюнча И. Арабаевдин ушул китебинде көрсөтүлгөн жоболор жетекчиликке алынсын деген токтом кабыл алынган.

Бул колдонмонун ошол убакта мааниси чоң болгондугун профессор К.К. Юдахин мындай деп көрсөтөт: Кроме хрестоматий и книг для чтения, которые тогда составлялись, в первые же годы начинаются попытки созд авать и пособие по грамматике. Первой такой попыткой является маленькая книжечка «Саамалык», в которой в первые печатно даются элементы киргизской орфографии. Эта книжка очень характерна предлагаемыми в ней орфографическими упражнениями, из которых видны орфографические навыки и автора и того небольшего процента грамотных киргизов, которые до революции выпитывались на традициях среднеазиатского-турецского литературного языка и в известной степени татарского».

Ошондой болсо да фонетикалык жана грамматикалык эрежелерди, терминдерди берүү кыргыз тилинде биринчи жолу И. Арабаевдин ушул китебинен баштаганын унутпоо керек. Чын-чынына келгенде жалаң гана лингвистика эмес эсеп, география, табият таануу ж. б. илимдер боюнча да терминдер алгачкы жолу И. Арабаев тарабынан иштелип чыккан.

1928-жылы Х. Карасаев экөө латын тамгасында биринчи жолу чоңдор үчүн «Жаңылык» аттуу алиппени жазышты. Бул китептин ошол кезде алган орду жөнүндө «Могучий фактор национально-языкового развития» деген монографиялык эмгекте: «В том же году И. Арабаевым и один из занимателей Кыргызского советского языковедения Х. Карасаевым был создан содержательный учебник грамоты для взрослых «Жаңылык» (Новинка). В него, наряду с материалом для обучения грамоте авторы включали обширный материал для уроков после букварного периода, в том числе статьи на общественно-политические темы, так же художественные тексты. Таким образом, эта книга явилась не только букварем, но и своего рода хрестоматией в миниатюре» – деп жазылган. Жалпылап айтканда, латын алфавити менен биринчи жолу жазылган «Жаңылыктар» методикалык түзүлүшү, китепке кирген материалдын тандалышы, мазмуну жагынан кээ бир мүчүлүштөрү болгондугуна карабастан, сабатсыздыкты жоюуда өтө керектүү, өз убагында түзүлгөн баалуу окуу китепт еринен болуп, андан жүз миңдеген кишилер сабатсыздыгын жоюуга жетишкен.

И. Арабаев жаңыдан түзүлгөн программанын талаптарына ылайык 1928-жылдан тартып, мектептерге жана чоңдорго арналган окуу китептерин бүтүн сөз методунун негизинде түзүп, эсеп, география, биология окуу китептеринин бир тобун которгон. Бул жагынан анын билими жана тажрыйбасы чоң болгондуктан, III–IV класска арналган «Табият таануу алиппесин» түзүү Кыргызстан эл агартуу комиссариаты тарабынан Д. Шамгунов экөөнө тапшырылган. Алар кол жазманы 1930-жылы бүтүрүп, 1-баскыч мектептерге жана көтөрүңкү мектептердин даярдоо бөлүмдөрүнө жарактуу деп табылгандан кийин басмага өткө рүлгөн. Кырмамбастын жолдомосу менен кол жазма Москвага жөнөтүлүп, 1932-жылы беш миң нускада жарык көрөт.

И. Арабаев акталгандан бери анын калтырган педагогикалык мурастары көп жагынан изилдөөгө алына баштады. Ага мисал кылып, туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнакты, өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө 1993-жылы өткөн илимий окуудагы докладдарды, 1999-жылы «И. Арабаев – алгачкы агартуучу, коомдук-саясий ишмер» деген темада өткөн илимий-практикалык конференцияны, 2001-жылы анын алиппесинин 90 жылдыгына арналган конференциянын материалдарын, Э. Маанаев, А. Осмонкулов тарабынан жазылган «И. Арабаев – кыргыз элинин алгачкы окумуштуу-агартуучусу» (2002) деген китепти көрсөтүүгө болот.

Кийинки он жылдын ичинде И. Арабаевдин окуган жылдары жана педагогикалык ишмердүүлүгүнө байланыштуу мезгилдүү басма сөздөрдө ондогон макалалар жазылып, анын окуу-методикалык китептери, котормолору, элдик оозеки чыгармаларды жыйноого кошкон салымы жөнүндө бир катар баалуу пикирлер айтылды. Ал жөнүндө Х. Карасаев, З. Бектенов, Т. Сыдыкбеков, З. Курманов, В. Плоских, М. Мамыров, О. Осмонов, А. Асанканов ж. б. тарабынан жазылган китептер жана макалалар бар.

Анын калтырган мурастарын изилдеген сайын улам бир жаңылыктар табылууда. Ошондуктан И. Арабаев таануу коомун уюштуруп, окуу китептери жана котормолорунун илимий-методикалык түзүлүшүн терең талдоого өтүү менен мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө кошумча материалдарды топтоп, И. Арабаев атындагы мемориалдык музейди түзүп, алдыңкы мугалимдерди жана эл агартуу кызматкерлеринин жетишкен ийгиликтери үчүн бериле турган медалды чыгарууга убакыт жетти.

И. Арабаевдин жазган китептеринен бери көп жыл өткөндүгүнө карабастан, анын жолун жолдоп, окуучуларга кыргыз тилин окутууда көптөгөн ийгил иктерге жетишкен алдыңкы мугалимдердин тажрыйбалары аз эмес. Максат андай жетишкендиктерди мектеп практикасында кеңири колдонуп, окутуунун сапатын жакшыртуу менен жогорку тепкичке көтөрүү болуп саналат. Анын башын И. Арабаев жана андан кийинки алдыңкы мугалимдердин мурастарынан издеп табууга болот.

Аскар ОСМОНКУЛОВ

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ (1)

  • XVIII кылым немис элине ааламга аты таанылган философтор менен акындарды берди. Ошондон улам алар бу кылымды немис маданиятынын алтын кылымы, немис элинин акыл-эс кылымы, немистердин кылымы аташкан. Адамзат тарыхы бүт дүйнөнү таң калтырган бу кылымды немис калкынын кылымы катары кабыл алды.
  • XIX кылым орус элинин кылымы болду. Ал дүйнөгө Пушкин менен Лермонтовду, Некрасов менен Блокту, Гоголь менен Тургеневди, Толстой менен Достоевскийди ж.б. берди. Муну дүйнө тарыхы орус маданиятынын гүлдөө доору катары кабыл алды.
  • XX кылым кыргыз элине К. Тыныстанов менен А. Токомбаевди, Т. Сыдыкбеков менен Ч. Айтматовду, А. Осмонов менен С. Эралиевди берди.

Алар кыргыз профессионал жазма адабиятты жаратышты жана аны, сөздүн түз маанисинде айтканда, дүйнөгө таанытышты. Улут адабиятынын ак таңы менен кошо жаралган бул көрүнүш кыргыз тарыхына кыргыз мада ниятынын алтын доору катары кирди. Тамчыдан деңиз, деңизден мухит көрүнөрү, мезгилге адамзат акылы гана жооп бере алары, ал акыры кылым даңазасын кылымга чыгарары чындык катары аныкталды. Ооба, дүйнөнү сактай турган асылдык адам акылынан жараларын тирүүлүктүн түптүү тарыхы гана кези келгенде айтып берет экен. Андай адамдар өз мезгилинен алда канча алдыга озуп, алда канча алдыга ой жүгүртүп жашайт экен. Бирок белгилүү адабиятчы О. Ибраимовдун сөзү менен айтканда: «Өз доорунан алда канча алдыга озуп жашаган ар кандай инсан – трагедиялуу инсан. Кыргыз маданиятынын тарыхындагы ошондой инсандардын бири – Касым Тыныстанов». Аалам күнүн акылы менен багынткан, аты-жөнү кыргыз кылымына кызыл таң болгон ал адамдын эмгеги эмне менен, кандайча жана кантип бааланат? Кандай мезгилде кантип жашап, кандай шартта кантип иштеген? Тагдырына таш сынып, өмүрү өксүктө өткөн жок бекен?..

Кыргыз адабиятынын жаңыча жаралыш мезгилин өзүнчө бир планета катары элестетсек, анда анын жарык күнүн сөзсүз К. Тыныстанов деп алабыз. Анткени ал өзүнүн чөйрөсүнө поэзияда да, прозада да, драматургияда да, көркөм котормодо да, филология илиминде да таасирин катуу тийгизген. Анын атак-даңкы түбөлүк, анткени ал кыргыз элин, кыргыз жерин, анын келечегин өзүнөн артык ардактоого жетишкен. Ушунчадан улам Касым Тыныстановдун жалпы чыгармачылык тагдыры анын адамдык тагдырын, ал түгүл кыргыз маданиятынын тагдырын жараткан деп бир жалтанбай жарыя айтышка жетишерлик негиз бар. Анткени анын калемгерлик тагдыры кандай каргашалуу алааматка туш келсе, кандай каргышка караланып кабылса, ошо кездеги кыргыз маданияты да дал ошондой кайра жанбас каргышка калган, дал ошондой тагдырга дуушар болгон. Касым Тыныстанов жалпысынан алганда баш-аягы он эки жыл суралса, анын ичинен он беш ай, беш күн НКВДнын ички түрмөсүндө жан кыйноо азабын тартып жанчылып сурак берип, жөн суракка эмес, күнөө коюп, айыбын мойнуна алдыруу аталган жаза сурагында суй жыгылып, акыры айсыз түндүн кучагында ак жеринен атылса, кыргыз маданияты андай сурак менен күнөөдөн көп жылдар бою, болжолу ошо Касым Тыныстанов толук жана биротоло акталганга чейин, баш көтөрө алган жок. Адабиятыбыздын жалтанчаак жана ийменчээк мүнөз күтүшүнө кыязы, ушундай саясий сес көрсөтүү кырдаалдары түздөн-түз себеп болду. Бул тарых, тарых болгондо да улут маданиятыбыздын тарыхынын тамырын сыздаткан тарых. Эгер ушул кырдаалдарды кыл кетирбей түшүнгөн кыргыз баласы көзү тирүүсүндө да, атылып кеткенден кийин да бир жакшылык көрбөгөн, таалайына таш байланган К. Тыныстановду эстеген сайын жалгызы өлгөн атадай кайра-кайра жер сабап, кайран кишинин кыяматтай тагдырына кан какшай берет. Анткени ал эң оболу кыргыз маданиятын улуттук мүнөздө негиздөөгө, анын өткөнү менен келечегин өз элинин тарыхы катары көрүүгө акыл күчүн бир аянбай берген, анан ал ишинин азабын тартып жан кыйноо тозогуна түшкөн, жалган жалаадан жалгыз жанын аман алып калалбай жабыркап жүрүп атылып кеткен адам болгон. Ушундан-улам анын тагдырын, элине «тоо саналган» эмгектерин айтуудан мурун К. Тыныстановдун өмүр жолунан, турмуш жайынан сөз башталса таасирдүү да, таалимдүү да болору шексиз.

* * *

Касым Тыныстанов 1901-жылы азыркы аталыш менен алганда Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Чырпыктыда негизинен акылдак, акылбек деген түбү саяктын Шыкмаматынан тараган эки атанын тукумунан уланган эл жашайт. Акылбеги улуу аялдан экен. Ошо Акылбек уругунан Бейбит, андан Субан, Суранчы, Маркатай дегендер тарайт. Маркатай ошо Бейбиттин кичүү аялынан экен. Маркатайдан Тыныстан, Жаныбек, Ураалы, Мукамбет. Буларды Маркатай атанын балдары дешет. Ураалынын тууган-урук ичинде айтылып калган Урмолдо деген аты бар.

Тыныстан кийин Көл башындагы Тепке деген жердеги теңизбайлардан чыккан даңазалуу Миңке байдын Арпабек аттуу кызына үйлөнөт. Бул иш Маркатайдын тил билгиси аталган Бедел байбиченин акылы менен болгон экен. А киши ошо миң жылкылуу Миңке байдын эжеси болгон. Бедел эжебиздин бели бек, көңүлү куунак болсун деген тилек менен теңизбайлар Арпабекти Тыныстанга өзгөчө урмат менен узатышыптыр. Экинчиден, теңизбайлар тарапта үй мектеп деген чыгып, кат тааныш милдет-түшүнүгү турмушка эрте кирип калгандыктан кайын журт тараптын шарапатынан уламбы, Тыныстан да ошо кездеги тамга тааныган, мусулманча сабатын ачкан адамдардан болот.

Архивде калган кагаздардын айрымдарында, арийне, Касым Тыныстановго күнөө коюучулар тарабынан айтылган, жазылган маалымат-билдирүүлөрдө гана Тыныс тандын итке минген кедей эместиги, ал тургай анын атасынын да колунда болгону айтыла калганы бар. Энесинен түңүлгөн жетим козунун маараганындай үзүл-кесил айтылган бул маалыматтарга 30-жылдардын аркы-берки жагында бийлик органдары кадимкидей маани берген. Ыбрай Тойчунов уюштурган, К. Тыныстановдун айылдаш тууганы, анын жардамы менен билим алган Султан Кочкорбаев өңдүүлөрдүн аракетинен улам Тыныс тан акыры кулак катары Украинанын Черновцы облусуна айдалган.

Сөөгү ошол жакта калган. Ал эми Касымдын өз колу менен жазылган документтерде андай бөрүнүн бөлтүрүгүндөй бөлөк боор көрсөткөн кабар эч жерде айтылбайт. Бар болгону бир жолу гана атасынын жылдык кирешесинен алты сом пара берип, Сазановка мектебине кабыл алынганы айтылат. Чынында өткөн кездин саясаты ошондой эле. Маселен кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен жалгыз гана К. Баялиновдун өмүр баянында атасы орто чарбалуу адам экендиги жазылып калган. Калганы бүтүндөй бүк түшкөн кедейкембагалдын балдары. Атасы Элебай эл башкарам деп бий, болуш шайлоого катышып, жеңилип калып жүрсө да жазуучу Мукай кедейдин үйүндө төрөлүп жүрбөдүбү. Ырас, К. Тыныстановдун тек-жайынын чындыгы кагаздан калган жазмаларда бурмаланып берилген. Бирок кий инки оозеки маалыматтар таптакыр башкача фактыларды айтат.

Маркатайдын малы болсо да, өз алдынча тың дегенчелик жашаса да кандайдыр бир деңгээлде анын кайын журтунун, алар менен алышып-беришкен мамилесинин өзү эле ирденүүгө негиз болмок. Бутунда жыртык чарыгы, башында тытык мала кайы бар малай кантип эле миң жылкылуу жердин кызына үйлөнүп калсын. Бири Олжобай болуп сүйсө да, экинчиси Кишимжан сымал күйсө да эки жашты малы жок кедей махабат эзели баш коштура алмак эмес. Маркатай менен Тыныстандын колунда жок болгон деп айтышы өткөн кездин саясатына ыңгайлаштырылып айтылган десек анчалык деле жомок болуп угулбайт. Экинчиден, эске ала турган дагы бир тарыхый жагдай болгон. Ал 16-жылдын сабагы. Бул окуя малы барды да, малы жогун да жалпысынан бирдей дегенчелик даражага жеткирип кеткен. Касым үйлөнгөн кезде, 20-жылдары Тыныс тандын чын эле колунда эч нерсеси жок калганы, кийин гана ирденгени чындык. Тыныстан менен Арпабек Батмакан, Касым, Ботаалы деген уул-кыздуу болушат. Касымдын азандагы аты – Касы маалы.

1926-жылдын 20-октябрь күнү К. Тыныстановдун өз колу менен жазылган өмүр баян ал жөнүндө оозеки айтылып, оозеки «такталып» жүргөн айрым маалыматтарды жокко чыгарат. Ал адегенде Чырпыктыдагы мусулман мектебинен окуйт. Атасынын жардамы менен ал окууну дурус өздөштүрүп кетет. Кийин 1913-жылы, таан ыштарынын кеңеши менен баласын Караколдогу орусча мектепке киргизсем деп далалат кылат. Бирок өзбек мектептин талабынан улам Касым ал жерге кире албай калат да, өзбек мектебине кабыл алынат. Өзбек мектеби деген менен бул жердеги окуу өзбекче да, татарча да, анан бир аз кыргызча аралаштырылган уйгур тилинде деле жүргүзүлө берчү экен. 1914-жылы ошо кезде атагы чыгып турган Сазановкадагы жатаканалуу орус мектебине кирет. Бул жергиликтүү кыргыз балдарына билим берүүчү, артында падышалык Россиянын адамдары турган мектеп болуптур.

Орус падышачылыгы Көл калаасындагы эки жердин бири катары ушул Сазановканы эсептешкен. Биерде поч та түйүнү, медицина жайы, мектеп ж. б. маданий керектөөлөр Каракол менен тең катар уюштурулуп турган. Жергиликтүү элдин балдарына билим берүү максатын аркалагандар башка жактан да, жергиликтүү элден да чыккан. Сазановка мектебинен окугандардын көбү кий ин мамлекеттик жооптуу кызматтарда болгон. Юсуп Абд рахманов бул мектептен 1910–1915-жылдары билим алган. «Ленинчил жаш» гезитинин биринчи редактору, кийин ВКП(б) Кыргыз облустук комитетинин (1937-жылдан Кыргызстан КП БКнын) экинчи секретары болгон Хасан Жээнбаев, кезегинде Түркстан Жаштар союзунун төрагасы кызматына чейин жеткен Ш. Забиров, Д. Иманов, тийипкачып болсо да О. Ты наев ж. б. убагында ушул мектептен окушкан. К. Тыныстанов 16-жылдын окуясынан улам Сазановка мектебин толук бүтпөй калат. Ата-энеси менен Кытай жерине барат. Үркүндөн кийин ал таякелеринде жүрүп, Караколдон кайрадан өзбек мектебинен бир аз окуп, анан 1919-жылы сентябрь айында Алматыга келет да, аердин жолдомосу менен Ташкендеги казак, кыргыз агартуу институтунун даярдоо бөлүмүнө кабыл алынат. Аерден Базаркул Данияров, Осмонкул Алиев, Адигине Ырысбеков өңдүү билимге башын сайгандар менен чогуу окуйт.

Казак, кыргыз агартуу институтун 1924-жылы бүтүрүп чыккан соң, июнь айынан баштап Караколдогу мугалимдерди даярдоо курста жалпы билим берүүчү сабактар боюнча лектор катары эмгектенет. Жылдын акырында, декабрь айында, Ташкенге чакырылат да, Кыргыз Автономиялуу облусунун Эл агартуу бөлүмүнүн алдындагы Академиялык Борбордун (кийин Илимий комиссия) жооптуу секретары, 1925-жылдын августунан анын төрагасы, ошол эле учурда «Эркинтоо» гезитинин жооптуу редактору (29-июлдан 25-октябрга чейин), 1927–1930-жылдары Кыргыз АССР эл агартуу комиссары (министри), 1928–1931-жылдары «Жаңы маданият жолунда» журналынын редактору кызматтарын аткарган. 1931–1937-жылдары Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, бир аз мезгил анын директору болуу менен бирге Кыргыз педагогика институтунда сабак берген. 1931-жылдын 1-августуна караган түнү эл душманы катары үйүнөн кармалып, камакка алынган да, РСФСРдин Кылмыш кодексинин 58-2, 58-7, 58-8, 58-11 пункт тарынын негизинде күнөөлүү деп табылып, РСФСРдин УПКсынын 319 жана 320-статьяларын жетекчиликке алуу менен СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы 1938-жылы Касым Тыныстановду эң жогорку кылмыш жазасына – атууга өкүм кылган. Өкүм ноябрь айынын бешинен алтысына караган түнү аткарылган. Анын үйбүлөсү 1948-жылы гана билген…

Ушу кыскача таржымалга дагы эмнелерди толуктоого болот? Ырас, ал Караколдо жана Сазановкада окуп турган жылдары орус, татар байларына жалданып иштеген, ат багарлык, үй жумушун аткаруучу болгон. Ал эми Ташкенде окуган жылдары К. Тыныстанов казак, өзбек, татар, орус адабиятынын үлгүлөрү менен таанышып, агартуу институтунун алдындагы адабий ийримдин кыргыз жаштарынын тобун жетектейт. Аерден казактын кайра туулбас акыны аталган Магжан Жумабаевден таалим-тарбия алат. А кишинин 1922-жылдан институтта адабияттан сабак бергени Касым Тыныстановго өзгөчө таасир тийгизет.

«Түркстан үнү» аталган адабий ийримге жетекчилик кылат. 1920-жылдын май айынан Түркстан РКП(б) Крайкомунун, Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин жана Түркстан фронтунун саясий бөлүмүнүн «Жаңы өрүш» гезитине жаштардын сунушу менен Түркстан Коммунисттик Жаштар союзу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Аталган иштер менен бирге Ташкен шаарындагы Казак интернатынын алдындагы Түркстан Жаштар союзунун ячейкасын уюштуруучу болуп дайындалат. 1923-жылдан баштап, «Ак жол» гезитинде, «Жаш кайрат», «Сана» журналдарында редколлегиянын мүчөсү, буларга жарыяланчу кыргыз тилинде жазылган материалдарды уюштуруучу жана анын чыгышына жооптуу кызматкер катары иштейт. Дал ушул мезгилде М. Жума баев да «Чолпон», «Сана» журналдары менен «Ак жол» гезитинде кызмат кылган. Ал эми казактын дулдул акыны аталган Илияс Жансүгүров да редакцияда корректор болуп К. Тыныстанов менен бирге эмгектенишкен. 1924-жылдын апрелинде Түркстан Республикасынын агартуу эл комиссариатынын Мамлекеттик илимий советинин алдында Кара кыргыз илимий комиссиясы өзүнчө түзүлөт. Буга чейин ал казак, кыргыз аталганы менен кыргызча бир да иш жүргүзгөн эмес. Ушундан-улам аны өз алдынча илимий мекеме катары уюштуруу зарылдыгы чыгат да, ага К. Тыныстанов илимий кызматкер катары бекитилет. Магжан Жумабаев болсо а кезде Казак- кыргыз илимий комиссияда иштеп жаткан.

Окууда мугалим, студент, иште шакирт болуп ээрчишип жүргөн бул экөөнүн улут адабияты жөнүндөгү арманы абдан көп болгон экен. Айрым оозеки жана жазма булактардан куралган маалыматтарга караганда, канткенде адабият эркин элдин оюн айталган адабият боло алат? Болгондо да улуттук, элдик адабият катары калыптанат деген суроолорго жооп издешкен өңдөнөт. М. Жумабаевдин а кезде болуп турган чагы окшойт. 1912-жылы дал 19 жаш курагында, «Чолпон» аталган ыр китеби Казандан жарык көргөн. 1922-жылы анын экинчи, 1923-жылы кадимки Султан Кожановдун демилгеси менен үчүнчү ыр жыйнагы жарык көрүп, акындын аты казак талаасынын ыры болуп турган. К. Тыныстановдун адабиятка, арийне көркөм чыгармачылыкка баш-оту менен киришине М. Жумабаевдин таасири түздөн-түз тийген. Бирок ал экөөнүн өмүрү башка болгону менен өлүмү коёндой окшош трагедия катары тарыхта калды.

Ырас, К. Тыныстановдун алгачкы ырлары качан жана кандайча жазылганы жөнүндө кагазда калган маалыматфакты азырынча жок. Болгону ушул, анын «Касым ырларынын жыйнагы» (М., 1925) китебине кирген поэзиялык туундулары, башка прозалык чыгармалары Ташкенден жарык көргөн гезит-журналдарга кыргыз жана казак тилинде жарыяланып турган. Айрым маалыматтарда анын бул багыттагы арак еттери 1919-жылдан башталган деп айтылат. Бирок андай фактыны тигил «Касым ырлар жыйнагы» да, андан башка басылмалар да азырынча далилдебейт. Аталган китепке кирген ырлардын аягына коюлган, ошол көркөм туундулардын жаралыш мезгилин аныктаган даталарда жанагыл жанга тынчтык бербеген 1919-жыл деген белги кара жер жутуп, ийгенсип бир да жерден учурабайт. Ушундан-улам К. Тыныстановдун алгачкы ырлары 1919-жылы жазылган, казак гезиттерине басылып турган деген маалыматты азырынча аныкталган адабий факты катары караш эртелик кылат. Себеп дегенде мунун күмөн туудурган бир канча жагдайлары бар. Эгер анын 19-жылы жазылган ырлары бар болгон болсо, анда аны К. Тыныстанов өзүнүн алгачкы жыйнагына жалтанбай эле киргизет болчу. Мунун саясий да, тарыхый да мааниси бар эле. Анткени а кезде чыгарм анын көркөм сапатына караганда, анын качан жазылганы, каерге качан жарыяланганы өтө маанилүү болгон. Жаңы жазма адабияты жаралып жаткан. Тилекке каршы, аталган жыйнагына кирген ырлардын алгачкыларынын жаралган мезгили 1910-жыл менен белгиленет.

Экинчиден, ошондой факты чын эле бар болсо аны убагында автор кандайдыр бир себеп менен этибарга албай, китебине киргизбей койсо анда ал маалымат ки йин, курбусу тургай Кудай тыйса да карабаган 30-жылдар дын «чукушма» кармашында башкасы болбосо да сөзсүз А. Токомбаев менен Ы. Тойчунов тарабынан ыңгайы келгенде ырдай айтылмак. Андай фактылар кезегинде С. Карачев, К. Тыныстанов ж. б. чыгармаларына карата карышкыр качырыш менен айтылган эмеспи. Үчүнчүдөн, ал Ташкен шаарына ошол 19-жылдын октябрь-ноябрь айларында гана барган. Айтор, ушундай тарыхый кырдаал-фактылар К. Тыныстановдун 1919-жылы ыр жазып, анысын кайсыл бир казак тилинде жарык көргөн гезиттерге жарыялап турган деген маалымат жогоруда айтылгандай азырынча тактоону жана иликтөөнү гана талап кыла берет.

Мындай учурларда, арийне, өз алдынча басма-жазмасы жок биздей элдердин тарыхында оозеки маалыматтарды да эске алыш керек. Ошондой фактыларга караганда Касым Тыныстанов бала чагынан эле оозеки айтылган ыр, жомокторго, ал тургай күүлөргө, обондорго ышкылуу болгон экен. Үркүнгө чейин эле күйдүм чок, секетпай ырларын оозеки чыгарып, айрымдарына өз оюнан обон таап, жаштар арасына жайылткан учурлары болуптур. Ал кезде автор деген түшүнүктүн жоктугунан улам алар кийин элдик ырлардын бири болуп кетсе керек. Бирок ошол ырларды Касымдыкы экенин билгендер кийин-кийин болжолу, Тыныстановдун аты таанылып калган кезде «Касымдын ыры» дешип аташкан окшойт. Муну көбүнчө Көл башы тараптагылар жакшы айтып беришет. Тилекке каршы, ал ырлар К. Тыныстановдун Үркүнгө чейинки ырыбы же андан кийинки мезгилде жараткан чыгармасыбы дегенге келгенде бир жаңсыл жооп алыш кыйынга турат. Кытай жеринде жүрг өндө Чырпыкты, Ысык-Көлдү ырга кошуп, «Кайран элдин» кайрыгына жакындаштырып «Качкан эл» деген кошок доошу коштогон арман ырын чыгарганы да айтылат. Ысак Шайбековдун «Кайран элинин» таасиринде жараткан ырынын обону өзүнө таан дык эле дешет. Буга ишенсе да, ишенбесе да болор эле. Себеби кайсы бир таланттуу адам жөнүндө сөз болгондо анын залкарлыгын чыгармаларынын маани-маңызы боюнча, андагы көркөм ойдун, чеберчиликтин жаңычылдыгын талдап-аныктап, дааналап ачып көрсөтпөй эле анын көп өнөрлүү болгонуна басым коюп, билет экен десин деп, тааныш-туугандык милдет катары санап, тигинин өзүнө таандык да, таандык эмес да сапаттарды таңуулай бермей адаты айрыкча биздин элде кыргыз илдети катары тарап кеткен эмеспи. Бирок бул мертебе Кудай жалгап андай болуп чыккан жок. Анткени Ботаалы Тыныстановдон калган, анын уулу Данил Тыныстановдун менчик архивиндеги «Перечень художественных произведений К. Тыныстанова, опубликованных после вступления в ряды ВКП(б)» аталган жазмаларында ал айрым агитациялык ырларын обондору менен кошо жаратканын, бул багытта өз алдынча аракет кылганы бейиши болгурдун өз колу менен орусча жазылып, машинкага бастырылган кагаздарда кала берген экен. Ушундан-улам оозеки айтылган «Качкан эл» жана башка ырларынын обону автор тарабынан чыгарылган, анын алгачкы чыгармалары 1916–1917-жылдардай эле оозеки түрүндө обон коштоосу менен башталган десек өлгөндөр да тирилгендей сүйүнөт. Буга жогорудагы фактылар аздыр-көптүр негиз берет, экинчиден, жазганда эле профессионал адабияттын үлгүсүндө шыр жазган, казактардан башкалар жардам бербеген кыргыз К. Тыныстановго улутташ катары ушундай мамиле кылсак Кудай да бизге кубанат.

Ырас, Касым Тыныстановдун адамдык жана акындык бактысы бу дүйнөгө өз учурунда жаралгандыгында, кыргыз жазма адабиятынын баштоочусу, анын жаңы доо рун жалтанбай жаратуучунун негизгиси катары мезгилинен алда канча алдыга озуп жашагандыгында. Дал ошол бактылуулук, Теңир берген талант кудурети, күкүктүн үнүнөн күн жаратып, булбулдун сайрашынан ааламды асылдыкка айланткан эч кимде жок эмгекчилдиги, жан тынымын билбей, жаңы нерселерди биринин артынан бирин жаратып турган олжолуу изденгичтиги анын адамдык да, акындык да өмүрүнүн түбүнө жетип, тамырынан канын соргон трагедия болгон. Ошентсе да К. Тыныстановдун 1920–1924-жылдарда жазган, 1925жылы «Касым ырлары жыйнагына» кирген чыгармалары жалпысынан алганда кыргыз поэзиясынын мыкты үлгүлөрүнө жатат, ушу кезде да алар өзүнүн көркөм-эстетикалык касиетин жоготкон жок. Калемгердин бардык мезгилге, бардык чөйрөгө таандык экендиги, мезгил өткөн сайын анын чыгармалары улам кайра жаңыланып, улам кайра кереметтене берери мына ушунда. Бул кыргыз жазма адабиятынын бир бактысы болчу, антк ени анын жаратуучуларынын алгачкыларынын бири катары адабияттын классикалык үлгүсүндө ой жүгүртө алган К. Тыныстановдой жаратман кошо жаралган экен. Өкүнүчтүүсү улуттук жазма ада биятыбыз анын мезгилден озгон сөз чебери экенин, кайрылып кайра жаралбас калемгер экенин учурунда тааныбай жана байкабай калгандыгы. Ушундан улам кыргыз адабиятынын эң алгачкы жана кайра кайталанбай калган өзүнчө профессионал доору К. Тыныстановдун чыгармалары менен аныкталып, К. Тыныстановдун ысымы менен аталат деп айтууга толук негиз бар. Анткени ал өзүнүн чыгармаларында өзүнө чейинки эл тарыхын, өзү жашаган учурду чагылдырган, мезгил байланышын түзгөн, ал байланыштан биздин эртеңки доорубуздун поэзиясы жаралган. Түбөлүктүүлүктүн жаралышы ушундай тутумдашуунун тилинен гана пайда болот. Мындай ойду анын «Курбума», «Ала-Тоо», «Манас күмбөзү», «Алашка», «Калемге», «Кышкы түндө», «Сурачы, достум, сурачы», «Эриксизден ажырашкандарга», «Ырдаба, сулуу, кайгырба», «Айрылуу», «Күйөмүн» ж.б. лирикалары, анан албетте, айтылуу «Жаңыл мырза» поэмасы ар тараптан бекемдей алат.

Ооба, ал поэзияга ошо 1925-жылдан кийин мурдагыдай жанын сабап кайрылбаптыр, кыйрылса да саясий күнөөсүн арылтыш азабынан улам, бир кездеги жаңылыштыгын оңдоп жаткан адам катары үч-төрт ыр жазып, аларды басма сөзгө маалымдуулук үчүн жарыялаган.

Бирок Тыныстановдун ага чейинки ырларын тереңдеп кылдат түшүнгөн, элинин тагдыры үчүн «эл душманы» болгонун жүрөгү менен кабыл ала алган адам аны жаңы жазма поэзиябыздын Европа үлгүсүнө негиздеген биринчи акын экенин, б.а., жазма маданиятыбыздын өзүн да, анын тилин да жараткандардын бири экенин жүрөгү сыздап, көзүнө жаш кылгыртып туруп туят. Анын жөн гана таланттуу акын экенине эмес, мезгилинен ашкан билимдүү акын экенине кадимкидей суктануу менен ыраазы боло таазим кылат. Билимдүү калемгер жоо беттеген куралчан баатырдай. Анын калемгерлик өмүрүн бир Кудайдан тилеш керек эле! Мезгил бизди антүүгө жол берген жок.

* * *

К. Тыныстанов тил илиминин маселелерин улуттук негизде түптөлүшү үчүн күрөшкөн эң биринчи илимпозубуз катары каралат. Анын бул багыттагы иши 1922-жылдан башталат. 1925-жылы жаңы латын алфавитине өтүү идеясын көтөрүп чыгат. Мунун маани-маңызын элге толук жана туура жеткирүү максатында «Жаңы алфавит коомунун достору» аталган уюмду негиздеп, анын Башкармалыгына, кийин 1927-жылга чейин Борбордук Комитетине жетекчилик кылат. 1925-жылдын 25–27-майында Пишпекте Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун эл агартуу кызматындагылардын улуттук көркөм мурас экенине маани берип, калк арасынан жыйноо зарылдыгын мугалимдердин милдети катары карайт. Ошондой эле кыргыз тилинин азыркы абалына басым коюп, термин маселесин илимий негизде иштеп чыгуу керектигин, латын алфавитине өтүүнүн зарылдыгы, анын бүгүнкү күндөгү маселелери, жол дору жөнүндөгү баяндамасынын тезистери басма сөзгө жар ыяланып, элдин кароосуна коюлган. Албетте, ага карата ар кандай ойлордун, каалоолордун болгону чындык. Бирок ал тезис убагында азербайжан, казак, татар, өзбек элинин тилчи окумуштууларынын, ал тургай Россиянын таанымал түркологдорунун көңүлүн бурган. Мунун тарыхый эки негизи бар эле.

Биринчиден, кыргыз эли кат-сабатын жаңыдан эле жоё баштаган, өзүнчө басма-жазма ишине ээ болгонуна ырасмий түрдө бар болгону жарым жылдай гана (1924, 7-ноябрь) убакыт болгон. Ушундай жагдайдан улам а кезде жалпы союз боюнча талаш-тартыш туудуруп, ал түгүл саясий-тарыхый мааниге ээ болуп жаткан алфавит маселесине кыргыздардын мынчалык чечкиндүү жана илимий көз караш менен аралашып жатышы тилчи-окумуштуулардын кызыгуусун чын эле туудурган. Айрым тилчилер (мис., татар, казак) кыргыздардын бул аракетине эч кандай маани беришпеген, алардын жалпы түрк тилине тамыр жайган илимий негиздин, конструктивдүү ой-пикирдин айтылышы мүмкүн деп да ойлогон эмес.

Экинчиден, ошол мезгилде жаңы алфавитке өтүү иши жалпы союздук масштабдагы коомдук-саясий курч маселе катары каралып жаткан. Мунун өзүнчө тарыхы бар болчу. 1918-жылы азербайжандар латын алфавитине өтүү жөнүндөгү маселени көтөргөндө айрым түрк тилдүү элдердин (айрыкча кыргыз, башкырт) жазма маданиятынын жокко эселигинен, анын эми гана жаңыдан жолго коюла баштагандыгынан улам колд оого алынбай калат. 1922-жылы Азербайжан Борбордук Аткаруу Комитетинин алдында жаңы алиппе комитети түзүлөт. Ушул эле жылдын 21-сентябрынан аларда латын тамгасы менен «Ени йолы» аталыштагы атайын гезит чыгарыла баштайт. Көз караштардын кагылышы, илимий пикирлердин карама-каршы келиши конференциялардын ишин кызытып отуруп, акыры ал тап күрөшүнө, улутчулдук маселеге айланып кетет. Бул кырдаал Азербайжанда саясий коогалаң түшүрөр деңгээлге чейин жетет. Чыгыштаануучулардын Бүткүлсоюздук илимий ассоциациясы түркологдордун съездин чакырууга, анын күн тартибине дал ушул алфавит маселесин коюуга, аны чыр-чатаксыз туура чечүүгө аргасыз болушат. Ошентип 1924-жылдын апрель айында съездге даярдык көрүү үчүн атайын комиссия түзүлөт. Алардын чечими боюнча съезд ушул эле жылдын август айында, Москвада өтөрү белгиленет. Съезд ал айда өтпөй калат, себеби маселенин илимий негизде даярдалышы талаптагыдай болбогондуктан декабрь айына калтырылат. 1925-жылдын августунда, кайрадан декабрь айында болот деп отуруп, акыры 1926-жылдын 26-февралына болжолдонот. Ырас, съезддин белгиленген күндөрүнүн кайра-кайра өзгөрт үлүп жатышына илимий даярдык, балким, себеп болсо болгондур, бирок тарых булактары башка кырдаалды, алфавит маселесинен улам курчуп кеткен саясий абалдын мизи кайтпай, улуттук нааразылыктардын болгондугун да кабарлайт.

Жалпысынан алганда, латын алфавитине өтүүдө тектеш тилдердин бири-бирине болгон жакындыгы жоголот, тилдин лексико-семантикалык мааниси алыстайт, улуттук тилдин табияты өзгөрөт, фонологиялык касиети бузулат деген көз караштагылар менен ага каршы тургандардын элдешпес эки жааты түзүлөт. Өзбекстанда да, Татарстанда да, Казакстанда да анын жактоочулары арбын болгон. Туран идеясын түрк элдеринин биримдиги катары көтөрүп чыккандар катуу каршылык кылышкан. Татар окумуштуулары араб алфавитин революциячыл алфавит кылып кайрадан реформалоо менен калтыруу керектигин ачык айтып чыгышат. Мындай көз карашты казактарда Ахмед Байтурсуновдун, кыргыздарда И. Арабаевдин тобу колдошкон. Арабаев менен Тыныстановдун ортосундагы көз караштардын кагылышы ушундан-улам жаралган. Бирок К. Тыныстанов үчүн И. Арабаев анчалык коркунуч туудурган эмес, илимий пикирлер келишпесе да ал экөө бирин бири жамандыкка кый ышпайт болчу. Бул топко Ыбрай Тойчунов өңдүүлөрдүн кошулуп кетиши, эки сүйлөп турушу талашка саясий маселени аралаштырарын күткөн.

Өйдөкүдөй кырдаалдын өкүм сүрүшүнөн улам К. Тыныстановдун доклады чоң жоопкерчилик менен жазылган эле. Баяндаманын тезисине жалпы түркологдордун көңүл буруу сунун негизги себеби мына ушунда жана андагы алар күтпөгөн жаңы илимий көз караштардын айтылышында болчу. Бул ишке түздөн-түз тиешеси бар адистердин съезд алдында өткөн кеңешмесинин документинде булар белгиленген:

«Угулду:

  1. Кыргыз автономиялуу облустук илимий-педагогикалык тунгуч съездин чакырууга байланыштуу араб алфавитин жоюу жана Европа алфавитинин бирине өтүү жөнүндө (Тыныстановдун баяндамасы).

Токтом кылышты:

  1. Тыныстановдун пикири туура деп кабыл алынсын.
  2. Латын алфавитине өтүү маселесин облустук илимийпедагогикалык съездге коюуга уруксат берилсин.
  3. Араб алфавитин мындан ары реформалоо токтотулсун.
  4. Алфавит жөнүндөгү маселени съездде эч кандай саясий мүчүлүшсүз коюу иши жолдош Тыныстановго тапшырылсын».

1926-жылдын 12-февралында РКП(б) Кыргыз Автономиялуу облусунун бюросу февраль-март айында Баку шаарында өтүүчү түркологдордун 1-съездинде жасай турган К. Тыныстановдун доклады менен таанышып, аны толугу менен жактырат. К. Тыныстанов менен Б. Данияровго, дагы башкаларга съездге делегат болуп катышууга бюронун атайын чечими чыгат. Алардын арасында И. Арабаев, О. Алиев, О. Бөлөбалаев да бар болгон. Съезддин ишине В.В. Бартольд, Е.А. Крым ский, С.Ф. Ольденбург, Б. Чобан-заде, А.А. Миллер, А.Н. Самойлович, С. Малов, Л. Шерба, К.К. Юдахин, Ф. Копрюлю-заде, Н. И. Ашмарин өңдүү окумуштуулук атак-даңкы дүйнөгө таанылган илимпоздор катышат. «Латын алфавити улуттук болушу мүмкүн эмес» деген пикирдегилер бул ирет аларга туруштук бере алышпай калышат. К. Тыныстановдун доклады Бүткүлсоюздук түркологдордун 1-съездин чакыруу боюнча уюштуруу комиссиясынын бюллетендери 3-жарыяланат.

Кыргыз тил илиминин жаралышына, анын калыптанышына акыл мээнетин, тубаса шык-жөндөмүн, таң каларлык талантын К. Тыныстановдой тыным албай жумшаган бир да кыргызды тарыхтан таба албайсың. Кыргыз лингвистикасынын ал кайрылбаган теориялык, практикалык жана методикалык маселелерин айтуу да кы йынга турат. Ал тургай дунган тилин изилдөөгө катышкан. Анын окуу китептеринде, хрестоматияларында, монография мүнөзүндөгү эмгектеринде, сөздүктөр үндө, илимий макалаларында эне тилибиздин тыбыштык түзүлүшүнө, анын улуттук мүнөзүнө, морфологиясы менен синтаксисине, графикасына, орфоэпия менен орфография сына, лексикологиясына, пунктуациясына, грамматикалык терминдерине тил маселеси кадимкидей жолго коюлган элдердин илиминен кем турбаган так жана негиздүү илимий-методикалык ойлорду берген. Кыргыз тилин окутуунун жолдорун, окуучунун ой жүгүртүү жөндөмүн сабак учурунда өнүк түрүүнүн методикасын окуу китептеринде иштеп чыккан. Ушундан-улам биз аны кыргыз тил илимин жаратуучу, анын атасы деп айтк анга акылуубуз. Муну К. Тыныстановдун «Окуу китеби», «Чоңдор үчүн алиппе», «Эне тил», «Эне тилибиз», «Тил илими боюнча терминологиялык сөздүк», «Кыргыз ымласынын (орфографиясынын – С.С.) эрежелери», «Кыргыз тилинин морфологиясы», «Кыргыз тилинин синтаксиси» ж.б. эмгектери кайра-кайра кан какшатып айттыра берет.

1934-жылдын 2-мартында Касым Тыныстановго улуу илимий кызматкерлик даражасын берүү чечими чыгып, ага илим-изилдөө институтунун анын мүчөлүгүнө өткөрүү жагы каралат. Ушундан соң ал окумуштуулук даража берүү комиссиясынын чечиминин негизинде профессордук наамды коргошу керек эле. Бирок а кездеги Тыныстановго коюлуп жаткан саясий айыптоолор бул ишти токтотуп коёт. Окумуштуулук даража берүү комиссиясынын чечими чыккан жыйында Дементьев, Коротченко, Шикалов, Воротников, Данияров, Попченко, Лунин, Кортиндер катышып, анын изилдөөлөрү кыргыз тил илиминин негизин түзгөндүгүн белгилешкен. Чынында Тыныстанов профессорлукка көрсөтүлө турган жападан-жалгыз кандидатура экендиги талашсыз чечилген. Кыргыздардын ичинен ал биринчи болуп профессорлукка көрсөт үлгөнү менен ал кубаныч 1934-жылы да, 1935-жылы да ишке ашпай калат. Анткени ага коюлган са ясий күнөө дүйнөлүк атак-даңкы бар Е. Д. Поливанов, С.А. Врубелдин мүнөздөмө-колдоолорунан алда канча күчтүү болуп турган.

Тыныстанов 1935-жылы көркөм чыгармаларында жана окуу китептеринде буржуазиялык-улутчул идеологияны ачык жайылткан, «эки жүздүү жана буржуазиялыкулутчул катары ВКП(б)нын мүчөлүгүнөн чыгарылган». Ал бул токтомго нааразы болуп ВКП(б) Орто Азия бюросуна арыз жазат. 1935-жылдын 5-майында анын өтүнүчү партияны тазалоо боюнча Орто Азия крайлык комиссиясынын Кыргызстандагы үчилтиги – төрагасы Дзюбенко, мүчөлөрү – Токомбаев, Браварн ик карап, мурдагы чечим толук күчүндө калтырылат. Андан кийин ал ВКП(б)нын алдындагы Партиялык контроль комитетине аппеляция менен кайрылат. 1936-жылдын 3-апрелинде тараган Е.М. Ярославский болгон комитеттин чечими чыгат. Анда «Партиянын катарына өтөрдө өзүнүн Алаш Ордо партиясында болгондугун жаап-жашырбагандыгын эске алып, ВКП(б)нын катарын тазалоо боюнча комиссиянын чечими жокко чыгарылсын жана Тыныстановдун партиялуулугу ВКП(б)нын мүчөсү катары кайра калыбына келтирилсин», – деп айтылат. Ушундан соң гана 1936-жылы ага кызыл профессор деген наам берилет.

Мынчалык «эл душманы» катары каралоонун башы кайдан башталган? Канын сурап, жаза-сурак менен жанын сууруган карасанатай трагедиянын өт ичме өктөм өкүмү кайдан жана эмнеден чыкты эле? Бул өзүнчө тарых, тарых болгондо да кандай тарых! Сөз күчү менен түшүндүрүп берүүгө эч мүмкүн болбогон, эстеген сайын эл буркурап, жер солкулдап ыйлай турган тарых. Касым Тыныстановдун тагдырына тикелей тиешеси барларынын айрымдарына гана учкай кайрылсак болот.

* * *

Кыргыз адабият тарыхындагы «Карагул ботом» айттырып боздоткон көкөй кести маселе эң оболу эки адамга – Молдо Кылыч менен К. Тыныстановдун адамдык жана калемгерлик, илимпоздук тагдырына таандык. Ырас, биринчисинин бир аз башкачараак, кесе айтканда, өзүнүн жеке тагдыр-турмушу акындык тагдырынын азабына туш келген эмес, андай каргашалуу мамилени башынан кечирбей кеткен акын. Экинчиси, бүтүндөй ишин, көркөм чыгармачылык ишмердүүлүгүн элине арнаган, бирок анын убайын тирүүсүндө бир көрбөй, жалаа га ууланып, карегинен күйгөн канын агызып, жүлүнүнө сайылган саясий бийликтин жебесинин азабынан улам өз жүрөгүн өзү жеген абалда жашап, ажалдан мурун маңдайына мээленген мылтык огун күтүп абакта отуруп, анан мезгили келгенде өлүмгө тик караган бойдон шейит и кеткен. Эки башка тарыхый доордо, адабияттын эки башка деңгээлинде, эки башка түрүндө турганы менен чыгармачылык тагдырлары биз үчүн өтө өкүнүчтүү болгон. К. Тыныстановго байланыштуу айыптоо иштеринин, партиялык документтер менен чечимдердин өзү эле бүгүнкү күнү тарыхтын табылгыс барактары катары саналып отурат. Анткени ал мындан мурда жалпы кыргыз адабиятында дегеле көрбөгөн кармашка, кан төгүлгөн талаш-тартышка, кастык менен кек сактоонун көз карашынын карама-каршылыгынын отуна түшкөн эң биринчи калемгер. Мындай трагедиялуу тагдырга эгедер болгон акын да, окумуштуу да болгон эмес, болсо да аны тарых мынчалык билбейт. Молдо Кылычтын чыгармалары жөнүндөгү сөз 1946-жылдан кийинки мезгилге таандык. К. Тыныстановдуку болсо 30-жылдардан башталат, бу да болсо берилетип, бир аз жеңилдетип айтканда. Болбосо андай түпкө жетер түтүнсүз жалын 1928-жылы «Касым ырларынын жыйнагы» жөнүндө жазылган сын макалалардан, андагы талаштуу ойлордун айтылышынан эле тутанган десек болот. (Ыбыке уулу Айткулу, «Касым ырларынын жыйнагы», («Кызыл Кыргызстан», 1928, № 20), Карабулак «Көрктүү адабиятыбыз жана акындарыбыз», («КК», 1928, № 27), Жамгырчы уулу Жума «Касымдын ырларынын жыйнагы тууралуу» («КК», 1928, № 32). Андан кийинки талаштын оту Тыныстановдун «Академия кечеси» драмасынан башталат да, ал түз эле кан сураган кармашты өрткө айлантып жиберет. Мындай мүнөздөгү материалдар эң оболу А. Токомбаевдин калемине таандык болгон. Ал тургай баркына башка гезит теңдеше алгыс «Правда» да бул маселеге чапчаң аралашкан.

«Правданын» «Интернационализм – пролетариаттын бийик туусу» аталыштагы баш макаласы жана ушул эле гезитке жарыяланган Мануйловдун «Буржуазиялык-кулактык улутчулдуктун калдыктарын түп-тамырына че йин талкалайлы» деген материалы 1933-жылдын 29-мартында күтүүсүз жерден Кыргыз обкомунун бюросун чакыртат. Ага К. Тыныстановдун чыгармалары жөнүндө жергиликтүү басма сөздө жарыяланган макалалар серия сы, асыресе, А. Токомбаевдин «Академия кечеси тууралуу» («ЛЖ», 1932, 16.02, «КК», 24.02), «Академия кечесинин тыянагы» («КК», 8.03) деген КырАППтын конференциясында жасаган доклады, анан ошол 1932-жылдын 4-мартында ВКП(б) Кыргыз Обкомунун «Кыргыз адабия ты жөнүндө» кабыл алган тарыхый токтому түздөн-түз себеп болот. Натыйжада, жогорудагы токтом кабыл алынган күнү Кыробкомдун секретариатынын деңгээлинде, анан партиялык конференцияда Касым Тыныстановго саясий айып койгон чечим чыгат. Кыробкомдун секретариатынын резолюциясында мындай деп айтылганы бар:

  1. Тыныстановдун 1927-жылы жарык көргөн, кийин 1929-жылы кайрадан басылып чыккан «Эне тили» окуу китеби, 1-бөл үк, теориялык жана методикалык изилдөөгө таянган баалуу эмгек катары саналганы менен ошол эле учурда ага Тыныстановдун өзүнүн буржуазиячыл-улутчул мүнөздөгү эски ырларынан үзүндү келтирилген ж.б.
  2. Тыныстановдун «Эне тили» окуу китебинде, 2-бөл үк. 1-бөлүктүн уландысы. 1928-жылы түзүлүп, 1931-жылы Москвадан жарык көргөн, …элдик макал-ылакап катары киргизилген мисалдары аркылуу автор бай-манап идеологиясын көтөрүп чыккан.

Кыргыз адабиятынын жаралыш башатында контрреволюциялык, буржуазиячыл-улутчулукка каршы пролетариат идеологиясынын гегемондугу үчүн күрөш жүргөн. Тап душмандары (бай, манап) жана алардын тыңчылары (агентура) идеологиялык фронттогу социалисттик чабуулга каршылык көрсөтүүгө кыйла аракет кылышкан, бул аракетти алар азыр да улантышууда.

Адабияттагы андай көрүнүштүн чыныгы маңызы мына булардан ачык көрүнөт:

а) контрреволюциялык, буржуазиячыл-улутчул Алаш Ордо идеясын кыргыз адабиятында көтөрүп чыгуудан (Тыныстанов);

б) пролетариат менен анын авангарды болгон коммунисттик партиянын кызыкчылыктарына каршы багытталган бай-манап идеологиясынын чагылдырылышынан (Көкөнов, Карачев, Кененсарин ж.б.);

в) пролетариатка каршы турган тап душмандарынын кызыкчылыгы ырдалган элдик аталган чыгармаларды жарыкка чыгарууда марксисттик-лениндик талдоонун талаптагыдай жүргүзүлбөгөндүгүнөн (кошоктор, күйгөн, «Курманбек», «Семетей» ж.б.).

Сөз муну менен эле бүткөн эмес. Кыргыз совет акындарынын чыгармаларынан түзүлүп, Октябрь революциясынын 10 жылдыгына арналган коллективдүү тунгуч жыйнак аталган «Кызыл гүл» китебине кирген К. Тыныстановдун, Б. Кененсариндин, К. Баялиновдун ж.б. ырлары, С. Карачевдин «Эриксиз күндөрдө» прозалык жыйнагы, дагы К. Баялиновдун «Ажар» повести да контрр еволюциячыл, бай-манапчыл идеологияга сугарылган, алардын саясатын жүргүзгөн чыгармалар катары бааланып, булар жөнүндө атайын токтом кабыл алынат. Анын К. Тыныстановго тиешелүүсү мындай бүтүм менен аяктайт: «Тыныстановдун ырлар жыйнагы реакциячыл поэзия катары колдонуудан алынсын». «Касым ырлар жыйнагы» ушундай болот. Бул мезгилде абдрахмановчулук, сыдыковчулук, тыныстановчулук деген саясий терминдер териңди темене менен сайгылап турган. Натыйжада, Кыргыз маданий курулуш илим-изилдөө инс титутунун Ажыйман Шабданов, Турдакун Сопиев, Султан Курманов, Кайрыдин Кашымбеков өңдүү кызматкерлери тыныстановчулар катары кызматынан айдалат. Эми 1933-жылдын 29-мартындагы бюрого кайрадан кайрылсак болот.

Бюронун болор алдындагы кырдаалдын саясий мүнөзү түшүнүктүү болчу. Анын ишине ВКП(б) Кыргыз облустук Комитетинин 1-секретары Александр Осипович Шахрай, Борбордук Аткаруу Комитетинин президиумунун төрагасы

А. Орозбеков, Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Ю. Абдрахманов, Мажара, Х. Жээнбаев, О. Алиев, И.Жоломанов, Чистяков, Гурьевич, Комоликов, Шеванин, Арсеньев, Михалин, ошондой эле «Кызыл Кыргызстан» гезитинин жооптуу редактору Калим Рахматуллин катышат. Атайын чакырылгандардын арасында А. Токомбаев, Чоңбашов, Щеглов, К. Тыныстанов ж.б. болот. «Правда» гезитинде жана жергиликтүү басма сөздө «Академия кечесине» берилген сындын адилеттүүлүгү жана аргументтүүлүгү айтылып, Тыныстановдун чыгармачылыгына, кыргыз адабиятынын учурдагы абалына байланыштуу мына булар баса көрсөтүлөт:

«Жол. Тыныстановдун (Көкөнов, Сопиев, Жантөшев жолдоштор менен авторлош) академиялык кечелеринин туусун жамынып алып, Кыргыз улут театрынын сахнасынан улутчулукка карата ачыктан-ачык үгүт жүргүзгөн, драмасында байлар менен манаптардын идеологиясы жана феодалдык түзүлүш кадимкидей калыбына келтирилген ж.б.

Обкомдун бюросу токтом кылат:

  1. Кыргыз улут театрында коюлган «Манас», «Шабдан» спектаклдери көрсөтүүдөн алынсын.
  2. Улутчул каталары кыргыз адабияты жөнүндөгү Обкомдун чечими боюнча талкууга алынды, булар мындан ары дагы ушундай жаңылыштыктарды кетирсе, улут саясатынан жаза тайса эле, анда алар ошо замат партиянын катарынан токтоосуз чыгарылары жол. Тыныстановго, жол. Көкөновго алдын ала эскертилсин.
  3. Тыныстанов менен Көкөнов жолдошторго кетирген каталарын басма сөздө өздөрү айыптап, өздөрүнө өздөрү сын айтып чыгуу сунуш кылынсын».

Түшүндүрүүнүн зарылчылыгы барбы? Менимче жок! Болгону К. Тыныстанов КырАППтын (азыркыча Кыргызстан Жазуучулар союзунун) мүчөлүгүнөн 1933-жылдын март айында чыгарылгандыгын гана билдиргибиз келет.

Кыробкомдун бюросунан кийин (1933, 29-март) үч ай өтүп-өтпөй, 15–20-июнда ВКП(б) Кыргыз облустук VII пленуму, жарым жылдан соң, 1934-жылдын 10–15-январында ВКП(б)нын Кыргыз облустук VII конференциясы болот. Ээрчишкен саясий иш-чараларда Касым Тыныстановдун маселеси күн тартибиндеги негизги иш катары күйүп турат. Кынынан кылыч сууруган кырдаалдын саясаты сай тапшырбасын сезген окумуштуу Ала-Тоодон арачы түшөр агаин таппасына көзү жеткен соң, ошол 1933-жылдын 8-октябрында пролетариаттын улуу жазуучусу М. Горькийге Кудайга үнү жеткендей абалдан улам өтүнүч кат жазууга барат. Ушул эле жылдын 24-сентябрында ВКП(б) Кыргыз обкомунун 1-секретарлыгына Морис Львович Белоцкий келген. Ага да кайрылган. Бирок алардан эч кандай натыйжа чыккан эмес.

Тыныстанов жөнүндөгү А. Токомбаевдин макалалары андан кийин да жазыла да, басма сөзгө идеологиялык душмандарга сокку катары басыла да берген. Эскерте кетчү нерсе Тыныстанов, Токомбаевдин «Ленин тууралуусун» колдонуудан алуу жөнүндө убагында сунуш киргизген, бирок ал анын алынган-алынбаганын учурунда билген эмес. Чынында алынган экен, бирок алынсын деген чечим кандайдыр себеп менен а кезде жарыя айтылбаптыр, басма сөзгө жарыяланбаптыр. Балким, кайсы бир себептен улам же кайсы бир таасирдүү адамдын кеңеши мененби, айтор, ал чечим токтотулуп калган өңдөнөт. Бирок Токомбаевдин «Адабият жат идеядан таза болсун» («КК», 1933, 8.08, «Кыргызстан кеңеши адабияты», 1933, № 5), ушуга үндөш, автору көрсөтүлгөн макала («КК», 1933, № 93), дагы Токомбаевдин «Касымдын каты тууралуу» («КК», 1933, 22.08), «Жаңы жол башчылыкка жаңы темп» («КК», 1933, 24.12),»Адабият кыймылынын ар кайсы учурунан» («КК», 1934, 18.04) жана жазуучулардын съездинде жасаган «Мазмуну социалисттик, формасы улуттук болгон Кыргызстандын адабияты өсүп жана чыңдалып жатат» доклады («КК», 1934, 22.04) ж.б. макалаларында К. Тыныстановдун чыгармаларындагы улутчул идея, буржуазиячыл көрүнүш сынга алына берген. Бул багытта Токомбаев алдына эч кимди салган эмес, балким, андан кийинки орунда Ы. Тойчунов турар. Бул тарых, бирок пендечилик бир ой айтып көрөлү, ал канткен менен тарыхка өзгөртүү киргизе албайт. 30-жылдардагы кармаш же Тыныстановду, же Токомбаевди жок кылмак, акыры ошондой болду. Анткени ал кармаштын негизги тамырында ал экөөнүн тагдыры байланып турган. Ушундан-улам Тыныстанов менен Токомбаевдин ортосундагы кармаш дейбизби же талаш дейбизби, ал дагы экөөнүн биринин өмүрүн сураган деңг ээлге жетип калган. Буга жалаң гана пендечилик мамиле менен жооп берүүгө болбойт.

Ошо кездеги Касым Тыныстановдун (анда кыргыз интеллигенциясынын көбүнүн тагдыры болгон) иши каралган пленум, конференциялардан жазылган материалдар Москвага телеграф аркылуу түз берилип турган. Акыры ал жогоруда айтылгандай 1935-жылы партиянын катарынан чыгарылат, 1936-жылы анын партиялуулугу калыбына келтирилет. 1937-жылдын 1-августунда камакка алынганда кайрадан партиядан шашылыш түрдө чыгарылат.

К. Тыныстанов түрмө сурагында отурганда ит көрбөгөн азапты көргөнүн кошо болгондордун айтканы бар. Бирок ал чечекейге шиш сайган сурак алдында да мына муну эчен курдай кайталаса керек: «Мен эки ката кетирдим: 1928-жылы окуу китебиме бир нече макал-ылакаптарды киргизгеним жана «Кечелер». Муну жаным аман калар бекен» – деп басма сөз аркылуу да айткан, башка жерге да билдирген. Бөтөн жол калбай калганда, өлүмдүн өңү көрүнүп турганда канткен менен жан айласын ойлосо керек. Балким…

* * *

1956-жылы Касым Тыныстановдун байбичеси Турдубүбү апа жогорку органдарга күйөөсүн актоо жөнүндө дагы бир жолу кат аркылуу кайрылат. 1957-жылдын 1-октябрында СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы (төрөгасы – юстиция полковниги Костромин, мүчөлөрү – Ухванов, Смирнов – экөө тең подполковник) К. Тыныстановду күнөөсүз деп таап, 1938-жылдын 5-ноябрындагы өкүмдү жокко чыгарат. 1958-жылдын 22-январындагы Кыргызстан КП БКнын бюросунун чечими менен (секретары В. Чуркин) ал партиялык жактан толук акталат. Бирок анын адабий, илимий мурасы жөнүндө эч кандай сөз айтылбайт, тагыраагы дале болсо айтууга мүмкүн эместей кырдаал жашап тура берет. Айрым адамдардын өз алдынча аракеттери четке кагылат. Касым Тыныстанов жөнүндөгү маселе Кыргызстан Компартиясынын IX съездинде (1958) жана анын кеңешмелеринде (1959), VII Пленумунда (1960) каралган. Албетте, бул маселенин демилгечилери да, ага каршы тургандар да ошо кезде болгон. Натыйжада, Кыргызстан КП БКнын 1958-жылдын 18-декабрындагы бюросунда К. Тыныс тановдун иши, анын партиялуулугу каралып, карама-каршы көз караштардын, пикирлердин айтылышынан улам кайрадан талаш чыккан. Ушунданулам анын партиялык жактан мурда (1958, 22-январь) туура эмес акталгандыгы жөнүндө тескери чечим кабыл алынган. Арадан он сегиз күн өткөн соң, 1960-жылдын 5-январында, кайрадан бюронун токтому чыгып, анда Молдо Кылычты залкар акын катары баалашкан Б. Юнусалиев, К. Юдахин, А. Токомбаев, Б. Керимжанова жана К. Тыныстановду кыргыз жазма адабиятынын негиз дөөчүсү, кыргыз тил илиминин түптөөчүсү иретинде көрсөтүшкөн Б. Юнусал иев, К. Маликов, Ш. Үмөталиевдер тарых алдындагы жоопкерчиликтери үчүн партиялык жаза алышкан да, экинчи бул маселеге кайрылгыс абалга жеткирилген. К. Тыныстановдун партиялуулугу ошо бойдон калыбына келтирилген эмес.

Белгилүү тилчи Б. Юнусалиев Касымдын уулу Эркин Тыныстанов менен бирдикте кайрадан анын партиялуулугу жөнүндөгү иштин артынан түшөт. 1964-жылдын 16-майында КПСС БКнын алдындагы партиялык кантроль комиссиясы (төрагасы Н. Шверник) К. Тыныстановдун партиялуулугу жөнүндөгү талашка айланган маселеге кайрылат. Ага Кыргызстан КП БКнын ошо кездеги секретары Б. Мураталиев катышат. Касым Тыныстанов дагы бир жолу партиялык жактан толугу менен акталат, бирок анын мурастарына этият мамиле кылуу зарылдыгынын чети чыгарылат. 1988-жылдын акырында гана кыргыз элинин залкар окумуштуусу, таланттуу акыны жана драматургу Касым Тыныстанов бардык жактан толук акталат.

Ооба, анын өлгөндөн кийинки тагдыры да таш күйгөндөй күйүт менен армандын бүткөнүн ойлосоң баскан териң титиреп, жилигиң сынып кеткенсийт. Чындык издеп чыркырап сурак берип, как жерде өскөн дарактай тикесинен тик туруп атылган адамга таазим кылбаска, анын эмгегин сыйлабашка эч арга жок. Анткени ал 30-жылдардагы чыгармаларын, илимий эмгектерин кан күйгүзүп, жан чыгарар кармаштын канжыгасына жалгыз башы байланып калган учурда жазылган экен. Ошондо да ал чыркыраган жанын сөзгө айлантып, кыргыз кебинин сүрөтүн кагазга карек нуру менен түшүргөн, улут акылын унутулгус кылып улам кайра угуттай өнүп жаралып турар даражага жеткирген. Даргага асылар күнүн күтүп «Даргага асылар адамдын сөзүн» жазган Юлис Фучиктин да, жүрөгүн жарар ок күтүп жатып «Мобит дептерин» жараткан Муса Жалилдин да тагдыры, балким, Касым Тыныстановдун тагдырындай болгондур. Балким… Өз элинин аккан каны менен төгүлгөн көз жашын айткан ырлар гана жашап кала алат. Ал эми андай ырларды жаратам деген талант кумарын өлүм гана жок кыла алат, бирок ал ошол кумардан бүткөн асылдыкка эч качан алы жете албайт. Мунун чын экенин биз кечигип болсо да көрдүк. Касым Тыныстановдун адабий жана илимий мурасы ошондой экен.

…Биринчи сүйүүнүн биринчи ырындай ырды дүйнөнүн кайсыл акыны жазды болду экен?… Билбейт экенмин. Кыргыз тилинде, балким, К. Тыныстанов жазгандыр? Мүмкүн… Биринчи сүйүүнүн биринчи ырындай ырды гений акын жазса керек эле? Гений! Адам өлөт, а анын өмүрүн гений улантат. Кызык, гений деген бир адамдан көрүнгөн өзүнчө бир улут окшобойбу. Касым Тыныстанов өз улуттук тагдырын көтөргөн ченемсиз залкарлардын бири экен. Генийлердин өлүмү легендага айланган өмүрлөрдү жаратат. Анда эмесе, К. Тыныстановдун өлүмү дал ошондой болгон деп айта жүрөлү.

Самсак СТАНАЛИЕВ

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ (2)

Kасым Тыныстанов 1901-жылдын 9-сентябрында Ысык-Көлдүн кылаасындагы Чырпыкты кыштагында кедей чарба үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Тамга таанып, китеп окуганды Касымга кичине кезинде эле атасы үйрөтүп коёт. Алгачкы билимди ал айылдык мектептен алып, анан Сазановка (азыркы Ананьево) айылындагы өзбек мектебинен эки жылы окугандан кийин, 14–16-жылдарда Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинен окуйт.

1916-жылдагы падышалык режимге каршы чыккан кыргыз элинин козголоңунда ал качкын кыргыздар менен Кытай жерине качып барып, 1918-жылы качкындар менен бирге Ысык-Көлгө, Тепке айылына кайтып келип, 1919-жылы Каракол уездинде милициянын начальниги болуп иштеген Садыб акас Исмаилов деген жакын таякесинин жардамы менен Ташкент шаарындагы казак-кыргыз эл агартуу институтуна келип кирип, аны 1924-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыгат. Коммунисттик партиянын катарына да 1924-жылы кабыл алынат.

Жаңы замандын шарапаты менен илим-билимдин даңгыр жолуна түшкөн ондогон кыргыз уландары сыяктуу эле К. Тыныстанов да институтка киргенден баштап, илимдин кызыгына баш-оту менен кирип кетет, гуманитардык илимдердин түпкүлүктүү негиздерин терең жана кеңири өздөштүрө баштайт. Мындай таалайга бир аз мезгил өтүп аралашканын ал төмөнкү саптарында:

Түпкү максат чын чыгарын билемин, Ишенемин, кат-кат касам беремин.

Мезгил жетип, кулач урбай Мухитке, Он сегиз жаш бекер өттүң күйөмүн! – дейт.

Институттун акыркы жылдарында (23–24-ж.ж.) окуп жүргөндө Ташкент шаарында чыгып турган «Ак жол» газетасынын, «Жас кайрат», «Сана» журналдарынын редакциясында иштеп, кара кыргыз илим комиссиясына мүчө болот. Илимий комиссиянын ошол кездеги председатели Ишеналы Арабаев 1924-жылы кыргыз алфавитин түзүп, «Кыргыз алипбээсин» жазат. Касым Ты ныс танов кыргыздын тунгуч «Окуу китебин» түзүп, 1924-жылдын биринчи жарымында «Кыргыз алипбээси» да, «Окуу китеби» да басмадан чыккандан кийин, илимий комиссиянын председатели Ишеналы Арабаев, мүчөлөрү Базаркул Данияров жана Касым Тыныстановдор кыргыз тилинде газета чыгаруунун камына киришип, ал газетага «Эркинтоо» деген ат коюшуп, газетанын бир инчи саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көрөт.

Болочок тилчи-окумуштуу эл агартуу институтунда окуп, илим артынан саргара түшүү менен бирге казак, кыргыз тилдеринде ыр, аңгеме да жаза баштайт, кийин ал ырлары 1925-жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвадагы СССР элдеринин Борбордук басмаканасынан жарык көрөт. 1925-жылдын жай айында Пишпек шаарына кыргыз областынын мугалимдеринин биринчи съезди чакырылат, анда Тын ыстанов кыргыз жазуусу жөнүндө, Арабаев термин жөнүндө доклад жасап, караңгы эл тез кат таанып, маданияты тез жогорулаш үчүн съездде араб тамгасын таштап, латын тамгасын кабыл алалы деген токтом эки докладчынын демилгеси менен кабыл алынат. Ошол жылы күзүндө К. Тыныстанов «Эркинтоо» газетасына редактор, Кыргыз илимий комиссиясына председатель болот. 1926-жылы областтык эл агартуу бөлүмүнө башчы болуп, Баку шаарында өткөрүлгөн түркологдордун биринчи съездине делегат бо луп барып, съездде «Латын алфавитин кабыл алуунун негизги принциби» деген доклад жасайт. Кыргыз тилинин илимий грамматикасын иштеп чыгууга чымыркана киришип, 1927-жылы кыргыз тилинин тунгуч грамматикасын («Биздин тил») жазат. 1927-жылдан 1930-жылга чейин Кыргыз АССРинин Эл агартуу комитетин жетектеп турганында Фрун зе шаарына биринчи музейди уюштурат, 1928жылы «Жаңы маданият жолунда» журналын уюштурууга активдүү катышып, 1931-жылга чейин анын жооптуу редактору болот. 1931-жылы «Биздин тил» аттуу грамматикасынын экинчи бөлүгүн жазат, 1933-жылы «Кыргыз тилинин терми нологиялык сөздү гүн» түзөт. 1934-жылы «Кыргыз адабий тили нин жаңы орфографиясынын долбоорун» иштеп чыгат. 1935-жылы «Манас» эпосун орус тилине которуунун принциби жөнүндө республикалык чоң илимий кеңешме чакырып, ал кеңешмеде «Манас» эпосунун кыргыз элинин рухий турмушундагы орду тууралуу баяндама жасайт.

Ошол эле 1934-жылы окумуштуу «Морфология», ал эми 1936-жылы «Синтаксис» аттуу кыргыз тил илиминдеги, асыресе, грамматика, синтаксис, лексикология тармагындагы тунгуч китептерин жазып бүтүп, басмадан чы гарат.

Эми Касым Тыныстановдун жаңы жазма кыргыз тилинин илимий-теориялык маселелери жөнүндөгү фундаменталдуу эмгектериндеги орчундуу ой-пикирлерге (алар азыркы күндө өз күчүндө) токтолуп өтсөк.

Түркстан Республикасынын советинин XII съезди 1927-жылы январь айында эл агартуу комиссариатынын доклады боюнча, төмөнкүдөй чечим кабыл алат: «Советтик окуу китептери жана адабияттары таптакыр жок элдер, кара кырг ыздар жана таранчылар үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын ошол элдин тилинде басып чыгарууга кири шилсин».

Ушул токтомдун негизинде кыргыздын башталгыч мектептеринин окуучуларына арнап, 1927-жылы Тыныстанов кыргыз тилинин тунгуч окуу китебин жазат.

Жаш окумуштуу-филолог китебинин башкы сөзүндө китептин зарылдыгын жана аны жазуунун методикалык жолдорун төмөнкүдөй белгилеп көрсөткөн:

«Бул китепти жаш балдар үчүн арнап жазган болдук. Жаш балага арнап китеп жазуу үчүн көп устаттык, көп тажрый балар керек. Жаш баланын жанына ылайыктоо үчүн кыйын-кыйын шарттарды өтөө керек. Ал шарттардын баарын орундадык деп айта албайбыз. Биринчи себеп – бизде билим толук эмес, окутуучулук кылып, балдар ичине аралашкан эмеспиз. Бизде тажрыйба жок. Экинчиден, мурунтан жолго коюлган адабият жок. Канчалык калк адабиятына байбыз десек да, алар иштелбеген, балдарга эптүүсүн табуу кыйын болду. Жана бизде акындарыбыздын сөздөрү иретке салынбагандыктан, сулуулары табылбады. Үчүнчү себеп, бул китептин ашыгычтык менен жазылгандыгы, өзүбүздүн чабалдыгыбызды айтып отурсак да, бул китепти бир ай ичинде даяр кылдык. «Баарын айт да, бирин айт» дегендей, бул китеп билим кыскандыктан эмес, зарылдык кыскандыгынан жазылып олтурат. Айтор, «жоктон бар артык» дегенди эске алып, куру алакан отурган мектептерибизди соорото туралы дедик. «Көч жүрө-жүрө түзөлөт» деген. Биз дагы жүрө-жүрө китепкуралдарыбызды дурустап кетербиз. Ар бир жолдош: «Ат табылганча – аяк ылоо» дегенди эске тутса болгону.

Арийне, кыргыз филология илиминин саамалыгы катары саналчу бул китепти ав тор өзү жупуну гана китеп катарында көрсөткөнү менен, анда жаш балдардын жан дүйнөсүнө ылайык туу, тарбиялык мааниси терең, кыскакыска, татынакай кызыктуу аңгемелери, тамсилдери, ырлары бар. Чындыгында бул окуу китеп кыргыз эл үчүн атактуу педагог Ушин скийдин бир кезде жер дүңгүрөткөн «Родная словасынан» кем калышпаган китеп болгон десек жаңылышпайбыз.

1925-жылдын июль айында, Кыргызстандын мугалимдеринин биринчи съездинде кыргыз тилинин жазуусу жана араб тамгасын калтырып, латын тамгасына өтүү жөнүнд ө Касым Тыныстанов доклад жасайт. Тыныстановдун докладынын тезиси съезддин токтому катарында кабыл алынат. Ошол тезистердин латын тамгасына өтүү жөнүндөгү пунктунда окумуштуу мындай деп жазган:

«Азыркы заман маданият заманы, жарыш заманы. Маданиятка тез жетүү үчүн, тезден маданияттуу болуу үчүн, ар бир иш жеңилдик болорун тилейт. Маданияттын түб ү (негизи) адабият, басма сөз. Азыркы биз колдонуп жүргөн араб тамгасы маданиятка көп жолтоо кылат. Ошондуктан, мугалимдердин областтык тунгуч съезди кыргыз колдонуп жүргөн араб тамгасынын ордуна, маданият жолунда жеңилдик келтире турган латын тамгасын алууну өтө керек деп табат. Латын тамгасы газета беттерине берилип, ал тамга менен элди тааныштыруу азыртан көрүлө башталсын. Газета бетте рине латын тамгасы менен кыска-кыска кабарлар, ырлар жазыла берилсин».

Кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын тамгасына көчүрүүдө окумуштуу-тилчинин сиңирген эмгеги да айрыкча зор. Ал түзгөн 24 тамгадан жана кыбачыдан турган ал фавит «Эркинтоо» газетасынын 1925-жылдын 29-июнундагы санына жарыяланган.

Латын тамгасына өтүүнү К. Тыныстанов биринчи козгоп, элдин сабатсыздыгын тез жоюуда, маданияттын ыл дам көтөрүлүшүндө, типографияда арип терүүдө араб тамгасынан латын тамгасы төрт эсе жеңилдик кылары жө нүндө мугалимдердин съезддеринде, Фрунзедеги окуу жайларында, республикалык түрдүү кеңешмелерде нечен ирет доклад жасап, «Латын тамгасын эмне үчүн алабыз?» аттуу көлөмдүү макаласын «Эркинтоо» газетасынын 1925-жылы 20-июнундагы 29-санына жазып чыгат. Кийин мын дай макалалардын он чактысын республиканын газета-журналдарына үзгүлтүксүз жарыялап турган. Жогоруда айтылган макаласында Тыныстанов мындай деген:

«Ар бир окуучу жакшы түшүнүүлөрү керек: латын тамгасын алгандагы максатыбыз Күн чыгыштын ак селделүү кожо-молдолорун жок кылуу үчүн эмес, жеңил жол менен адабиятыбызды, маданиятыбызды жасоо, латын тамгасын алып, латын же фран цуз болуп кетүү эмес, максатыбыз солдон оңго жазып, маданияттуу элдерди тууроо эмес, биздин максатыбыз: жеңил, төтө жол менен улут адабиятыбызды, улут маданиятыбызды топтоп, ошол аркылуу, ошолордун техникасындай техникалуу болуу».

1926-жылдын акырында Кыргызстанда жаңы алфавит комитети түзүлүп, анын председатели Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин председатели Абдыкадыр Орозбеков, орун басары Касым Тыныстанов болот. Окумуштуу «Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадыры» аттуу макала жазып, аны «Эркинтоо» газетасынын 1926-жылы 8-апрелиндеги 15-санына жарыялайт.

1926-жылы Баку шаарында болуп өткөн түркология съездинде Тыныстанов латын алфавитинин өзү түзгөн долбоорун талкууга коёт. Ошону менен катар ал Советтер Союзундагы түрк элдери биринин адабияттарын бири окуп, биринин маданиятынан бири үлгү алып, алардын тилдери да бирине бири жакындаш үчүн, жаңыдан кабыл алына турган латын алфавитинин тамгалары бардык түрк урууларында бирдей болуш керек деп далилдеп көрсөткөн.

1926-жылы кыргыз элинде эч кандай адабий жана саясий журнал жок эле. Кыргыз мектептеринде бала окуткан жаш мугалимдер педагогикалык журналга жана кыр гыз акын-жазуучулары адабий көркөм журналга абдан муктаж эле. Бир чети андай журналды чыгара салышка республикабыздын чөнтөгү тайкы болучу. Касым Тыныстанов менен Төрөкул Айтматов кыргыз интеллигенттеринен акча чогултуп, ал акчага бир адабий-педагогикалык журнал чыгаралы деген демилгени биринчи көтөрүшүп, өздөрү он сомдон акча беришип (ал кезде 10 сомго эки кой келчү), силер да биздин жолубузду жолдоп, он сомдон акча бергиле деп, 110 кишини «Эркинтоо» газетасы аркылуу чакырып, аягына Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Акмат Байышов, Турусбеков төртөө кол коюшкан. Бул чакырык «Эркинтоо» газетасынын 1926-жылдын 7-апрелин деги 113-санына «Басма сөзүбүздү илгерилетели» деген ат менен жарыял анган.

Ошентип, улам бири-бирин чакырышып отуруп, 26–27-жылдардын аралыгында элден көп акча жыйналып, ал акчага 1928-жылдын 5-майында «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналдын биринчи саны жарык көрөт. Журналдын жооптуу редактору да Касым Тыныстанов болгон.

Журналдын ошол биринчи санына жазган баш макаласында Тыныстанов мындай дейт: «Биздин маданиятыбыз жаңы маданият болмок, мунун жаңылыгы ушул – биз дин маданиятыбыз жалчылардын талабына негизделмек. Биздин маданиятыбыз келечектеги жалпы адам баласынын маданияты болмок.

Биз эскиден калган маданияттын баарын эле таштап салмак эмеспиз. Эски маданияттын керектүүлөрүн, аны өзүбүздүн тап таламыбызга мазмундап, өзүмдүк кылмакпыз, жарабагандарын таштамакпыз. Башкача айтканда, маданият жөнүндө биз өзгөрүш жасамакпыз.

Жалчылар табы – өзгөрүшчүл тап. Жалчылардын жолу өзгөрүшчүл жол. Жалчылар маданиятты өзгөртүш жолу менен кура алмак.

Жашасын, жалчылардын жаңы маданияты! Жашасын, маданият өзгөрүшү!

Маданият курулушуна жумула киришели!»

1928-жылдын 23-майында Кыргыз эл агартуу комиссариаты менен билим борбору коллегиясынын, Жаңы алиппеде борбордук комитетинин президиумунун кошмо жыйналышы болуп, жыйналышка өкмөт мүчөлөрү жана маданият кызматкерлери катышат.

Жыйналышта четтен кирген сөздөрдүн кыргыз тилине тийгизген таасири тууралуу Касым Тыныстановдун доклады угулат.

Көп өтпөй ошол докладдын тезистери «Кызыл Кыргызстан» (1928-жыл, 27-май) газетасына жарыяланган эле. Ал тезистеринде окумуштуу социалисттик маданиятт ын көз жарышындагы объективдүү кыйынчылыктарды, анын өсүп-өнүгүшү үчүн зарыл өбөлгөлөрдү реалдуу белгилеп көрсөткөн.

  1. Октябрь өзгөрүшү, мурунку падыша Россиясы жериндеги эмгекчилердин колун а өкмөттү өткөрүү менен катар, падыш а заманында эзилген улуттарга улут теңдигин алып берди, ал улуттардын ичиндеги эмгекчилерди бийликке ээ кылды.
  2. Падыша заманындагы саясаттын натыйжасында маданиятсыз калган улут эмгекчилери бийликти өз колдоруна алгандан кийин, маданият куруу маселесине жумула киришти. Өз маданиятын курмак болгон жалчылар байлар шартында курулган жана кийинки кылымдарда жер жүзүндө улуу маданият саналган Европанын маданиятын өзүнүн тап таламына негиздеп алып, андан пайдаланууга милдеттүү болду.
  3. Улут эмгекчилеринин бири болгон кыргыз эмгекчилери коммунист партиясынын жетекчилиги алдында, жалпы жалчы табынын таламына негиздеп, өзүнүн улут формасындагы маданиятын куруу маселесин койгондо, улут маданиятынын формасынын негизи болгон тил маселеси эң биринчи кезекте майданга чыкты.
  4. Тил маселеси чарба маселесине байланыштуу. Кыргыз эмгекчилеринин чарбасы өсүү менен тил өсмөк. Тилдин өсүшүнө адабият байлануу. Кыргыз эмгекчилеринин четтен алып уруна турган өндүрүш куралдары менен өндүрүш буюмдарынын сандары канчалык болсо жана пайдалана турган билим адабияттарында кыргыз эмгекчилери үчүн жаңы элементтер канчалык кезиксе, алардын баарын өзүнүн тап таламы үчүн пайдал анууга милдеттүү болсо, кыргыз эмгекчилери аларды өзүмдүк кылып алуу үчүн, өз тилине ошончолук жаңы сөздөрдү киргизип, аларды өзүмдүк кылып алууга милдеттүү. Ушул күндө керектүү болуп турган өндүрүш куралдарынын бири «тракторго» кыргыз эмгекчилери өз чарбасынан борбор орунду бербей турган чарасы жок.
  5. Ар улуттун жалпы табынын бара жаткан багыты, көздөгөн максаты – улутсуз жана тапсыз коом жасоо. Мындан чыккан натыйжасы ар улуттун эмгекчилери өзүнүн чарбасын жана маданиятын куруу жөнүндө бири-бирине жардамдашуу, өз ара түшүнүшүү. Бул үчүн эл аралык терминдерди колдонуу жана орфографияны бирдештирүү ирети менен тилди жакындаштыруу.
  6. Четтен кирген термин тилдин тыбыш курулушуна жана негизги заңдарына багынып, ал тилден граждандык орунду алуу менен катар, ал тилдин тыбыш курулушун а да, негизги заңына да өзгөрүш киргизбей койбойт. Ошондуктан, тили жана анын орфографиясы жаңы жасалып жаткан убакта, бул маселенин алдын алып, кыргыз тили не киргизүүгө мүмкүн болгон тыбыштарды ушу баштан киргизип, орфографиянын өзгөрүүчү жерлерин ушу баштан өзгөртүү керек.
  7. Кыргыз тилине үндүү тыбыштын үч тамгасы (и, ү,ө) үнсүз тыбыштан үчтү  (х, п, ф) киргизип, орфографиядан ичкелик белгиси – кыбачыны чыгаруу керек. Үндүү үч тыбыштын айрыкча тамга болуп киришинин себеби четтен кирген эл аралык терминдердин калыбын сактап калууга тырышуунун натыйжасында кыргыз тилиндеги үндөштүк заңынын ал терминдерге толук тарабагандыгы жана орфографияны башка улуттардыкы менен жакындаштыруу.

Үнсүз үч тыбыштын (х, п, ф) тыбыштары кыргыз тилинде одогой сөздөрдө учурайт, в тыбышын кыргыз тилиндеги тыбыштардын жардамы менен жакындатып угузууга болбойт жана билим терминдеринде, көбүнчө орус тилинде арбын учурайт. Жогорку өзгөрүштөргө себеп болгондордун ичиндеги мыктуусунун бири кылып мына ушуну айтуу керек. Түштүк кантондордогу отуруктуу кыргыздар падыша заманында өзбектер менен көп аралашкан себептүү тилиндеги үндөштүк заңынын көп процентин жоготкон. Түштүк жактагы кыргыздардын тили менен Түндүк жактагы кыргыздардын тилин жакындатуу керек. Бул үчүн да жогоркудай өзгөрүштөр керек».

Ошону менен катар Касым Тыныстанов кыргыз орфографиясынын, адабий тилдин нормаларынын иштелип чыгышына көп күч-аракет жумшап, зарыл методикалык көрсөтмөлөрдү илимий негизде далилдеп көрсөтөт.

1934-жылдын май айында Фрунзе шаарындагы жогорку жана орто мектептердин мугалимдеринин жана илимий кызматчылардын кеңешмеси чакырылып, ага Киробкомдун жетекчилери менен өкмөт мүчөлөрү катышат. Ал кеңешмеде кыргыз адабий тилинин жаңы орфографиясынын долбоору жөнүндө Касым Тыныстановдун орусча доклады угулду. Кеңешме Тыныстановдун докладын толугу менен жактырып, кыргыз адабий ти линин жаңы орфографиясынын долбоорун бекитет. Ошол кеңешмеде бекитилген кыр гыз орфографиясынын принциптери негизинен ушул азыркы күндө да практи кабызда колдонулуп келе жатат. Окумуштуу ал докладында кыргыздын жаңы адабий тили кайсыл булактардын эсебинен байып жаткандыгын жана келечекте да кайсыл булактардан байып, кандай карымкатнашта өнүгө тургандыгын, кыргыз тилинде канча диалектинин бардыгын, адабий тилибиз кайсы диалектинин негизинде курулгандыгын жана кыргыз адабий тили мындан ары кандай багытта өнүгүүгө тийиш экендигин ачык белгилеп мындай деген:

«В виду того, что орфография является неотьемлемой частью развития всего литературного языка, мне приходится сделать ряд предпосылок для того, чтобы подойти правильно к решению вопроса об орфографии.

Какую цель преследует орфография вообще? Мне кажется, что перед орфогра фией стоят две задачи. Первая задача заключается в том, чтобы орфография не толь ко регулировала бы отдельные слова в смысле единого начертания их, но и содейство вала бы правильному развитию данного литературного языка.

Вторая задача заключается в том, чтобы между произношением и начертанием не было разницы, которую свое время осуждал Энгельс.

Если мы конкретно подойдем с этой точки зрения, мне думается, что вопрос буд ет разрешен вполне правильно.

Поскольку орфография является неотьемлемой частью всего литературного язык а, и поскольку надо будет к ней подойти методологически правильно, сделаем нес колько предпосылок о том, на какой стадии развития находится киргизский язык, и осветим состояние и перспективы основных законов этого языка и вопрос о том, за счет каких конкретных источников будет развиваться в дальнейшем киргизский литера турный язык.

Начну с вопроса о том, за счет каких основных источников будет развиваться киргизский литературный язык. Этих источников три: первый источник – это исполь зование всех своих лексических запасов на основе ленинского учения о культурном нас ледии и форсировании прогрессивных грамматических форм языка, второй источник – это словотворческие процессы, которые мы уже имеем на основе новых производственных отношений и новых социалистических форм труда, третий источник – ши рокое заимствование из других языков, на основе наших классовых интересов.

Вот самые основные три источника, на которые надо будет обратить внимание и при, разрешении вопросов об орфографии, и при разрешении вопросов о терминологии.

Теперь, вопрос о том, каковы будут взаимоотношения, или вернее отношения, на шего литературного языка или иным отдельным диалектам. Для этого надо разрешить вопрос о том, сколько вообще диалектов имеется в киргизском языке. Эти диалекты можно разбить на четыре группы.

ДИАЛЕКТ ЮГА КИРГИЗИИ, который отличается от других диалектов тем, что в нем помимо лексических особенностей мы имеем одну гласную фонему, которой нет в других диалектах.

Данная фонема, о которой идет речь, существует и в казахском, и в узбекском языках. В новом алфавите, она обозначается буквой «э». Я не останавливаюсь на вопросе о том, что южный диалект имеет в своем лексическом запасе и массу персид ских и арабских слов.

ВТОРОЙ ДИАЛЕКТ. ДИАЛЕКТ ДОЛИНЫ ТАЛАСА –имеет одну старую фонему, уже нажитую в других диалектах. Эту фонему имеет и казахский язык. Она обозначается обыкновенно «буквой «w», но эта фонема так называемая полу гласная, т. е. ни то гласная, ни то согласная, например, в Рыковском, Таласском и ряде других районов мы имеем в силу сохранения данной фонемы иные грамматические формы, чем в других диалектах. Вместо «тоо» говорят «тау», вместо «тоону» говорят «тоуду», и дальше еще идет иные, чем в нашем литературном языке, грамматические правила, вытекающие из наличия этой фонемы.

ТРЕТИЙ ДИАЛЕКТ НА КОТОРОМ ГОВОРЯТ, НАПРИМЕР, КИРГИЗЫ ЧУЙСКОЙ ДОЛИНЫ, отличается тем, что в его фонетическом составе почти отсутствует звук «з» вместо «кыз» говорят «кыс», вместо «заиб» говорят «саиб».

НАКОНЕЦ, ПОСЛЕДНИЙ ДИАЛЕКТ, НА КОТОРОМ ГОВОРЯТ ВОСТОЧНАЯ ЧАСТЬ СЕВЕРА КИРГИЗИИ, отличатся от всех других диалектов тем, что он не имеет в своем фонетическом составе ни фонемы «w», ни фонемы «э», но имеет и фонему «з», и фонему «с». Вот четыре отдельных диалекта.

В основу грамматики нашего литературного языка положен диалект восточной части северной Киргизии. Чем мотивирован этот принцип, принцип положения в осно ву грамматики нашего литературного языка этого именно диалекта? Прежде всего первым поводом было то, что этот диалект является основой всех отдельных диалек тов, вторым то, что данный диалект имеет прогрессивную тенденцию в своем развитии и, наконец то, что этот диалект имеет общие законы, общие признаки с другим сосед ними языками, как узбекский, казахский и т. п. Вот основные соображения, в силу кот орых в основу грамматики литературного языка был положен восточный диалект. Таковы, товарищи, те необходимые предпосылки, без освещения которых нельзя пра вильно подойти к вопросам орфографии».

Жогоруда көрүнүп тургандай, окумуштуу ошол учурда эле кыргыз тилиндеги төрт диалектини (Түштүк, Талас, Чүй жана Ысык-Көл диалектилерин) туура мүнөздөгөнүн кыргыз тил илиминин кийинки өсүп-өнүгүшү анык далилдеди; 50-жылдардан тартып, 70-жылдарга чейин аталган диалектилер өз-өзүнчө изилденип такталды. Демек, К. Тыныстанов келечекте кыргыз диалектологиясын изилдөөчүлөр үчүн да айкын жол ачып кеткен.

1933-жылы кыргыз лексикасындагы уңгу сөздөрдү оңой жол менен тез жыйноо максатында, окумуштуутилчи илимий таблица ойлоп чыгарат. Ал таблица жөнүндө Кыргыз эл агартуу комиссариатынын орун басары Ж. Панов өзүнүн «Кыргызстандын маданий курулушу үчүн Касымдын таблицасы кымбаттуу кошумча» аттуу макаласында мындай дейт: «Таблицаны ар ким колдоно алат. Эл агартуу комиссариатынын коллегиясы бул таблицаны тапканы үчүн Касымга ыракмат айтып, өз ишинде большевиктик техниканы колдонгондугу үчүн, сыйлык берилсин». Баарынан да окумуштуунун кыргыз тилинин фонетикасы, морфологиясы, синтаксиси тармагындагы табылгалары таң калтырат. Ал ар бир терминди, аталышты айтканга жеңил, кулакка жагымдуу кыргыздын төл сөздөрүнөн эле тандап алып, ал кездеги чала сабат элге түшүнүктүү тилдик эрежелер менен жоболорду жазганынан улам ал тубаса лингвисттик талантка ээ окумуштуу болгонуна толук ишенесиң. Анын мындан алтымыш жыл мурда жазган эрежелери күнү бүгүнкүгө чейин негизин өзгөртпөй колдонулуп келе жатат. Мисалы, фонетика тармагындагы: «Тыбыш деп ооздон чыккан үндү айтабыз. Жазууда ал үндөрдү тамга менен белгилейбиз. Кыргыз тилиндеги тыбыштар – үндүү жана үнсүз болуп экиге бөлүнөт… Тыбыштардын мындай бөлүнүштөрү кыргыз тилиндеги үндөштүк закону менен эрин күүсүнө байланыштуу. Мүчө менен уңгунун айкалышындагы бул сыяктуу өзгөрүүлөрдү үндөштүк закону дейт. Эрин үндүүгө карай мүчөнүн составындагы үндүүнүн эрин үндүүгө өтүшүн эрин күүсү дейт» деген эрежелер;

Морфология тармагындагы: Сөз. Сөздүн өзгөрбөй турган негизин сөздүн уңгусу дейт. Сөздүн уңгусу төрт түрдүү: жалкы уңгу, кош уңгу, кошмок уңгу, кыскарган уңгу… Сөз мүчөлөр маанисине карай – куранды жана уланды болуп экиге бөлүнөт. Булар сөз жасоочу мүчө, сөз өзгөртүүчү мүчө делип да аталат…

Сөз мүчөлөрү өзгөрүштөрүнө карай: турактуу мүчө, оошмо мүчө жана сыйлыгышма сөз. Төл жана бөтөн сөз. Жазуу белгилери: тыныш белгиси. Суроо белгиси, илеп жиктеме мүчөлөр болуп бир нечеге бөлүнөт. Бул үндүүлөрдүн уңгу сөзгө айкалыштарын сөздөрдүн жөндөл үшү, жиктелиши жана жакталышы дейт»,– деп ажыратып көрсөтүп, атооч, илик, барыш, табыш, жатыш, чыгыш деп жөндөмө аттарын ойго келбес аталыштар менен атаган.

Синтаксис тармагында: «Сүйлөм. Айтылышына карай сүйлөмдөр: суроо луу сүйлөм, илептүү сүйлөм жана жай сүйлөм болуп үч түрдүү. Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү. Ээ менен баяндооч сүйлөмдүн баш мүчөлөрү. Жөнөкөй жана жайылма сүй лөм. Толук жана кемтик сүйлөм. Жалаң сүйлөм жана кошмо сүйлөм. Бир нече ээлүү жана бир нече баяндоочтуу бирикме сүйлөм. Бир сүйлөм жана жөндөмө сүйлөм. Каратма сөз. Төл жана бөтөн сөз.

Жазуу белгилери: тыныш белгиси. Суроо белгиси, илеп белгиси, үтүр, кош чекит, тырмакча, сызыкча» ж.б.

Кыскасы, Тыныстановдун кыргыз тилинин илимий негиздерин иштеп чыгууда жараткан табылгалары бүгүнкү күндө да өз милдетин аткарып, тил илиминин өсүп-өнүгүү жолунда алмаштыргыс функциясын аткарып келе жатат.

Зыяш БЕКТЕНОВ

КУСЕЙИН КАРАСАЕВ

Кылым жашаган окумуштуу Кусейин Карасай уулунун басып өткөн өмүр жолу – өрнөктүү да, өнөгөлүү да жол.

Бул бакыбат, нускалуу адам менен аз убакытка болсо да бирге болуу, баарлашуу бактысы өмүрдөгү унутулгус окуя катары көңүлгө уялап калар эле.

Ары сөзмөр, ары чечен, кыргыз сөзүнүн кылдат билерманы, тарыхты таасын билген, тилди ийне-жибине чейин ийине келтире иликтеген, устукандап жиликтеген, кыраакы, көптү көргөн, көптү башынан өткөргөн кажыбас карыя менен дидарлашканда, жан дүйнөң бай ып, жашоо кумарың артып: «Век живи, век учись» – деп орустар таасын айткан сөз дал ушул кишиге бап келет экен дечүбүз.

Бу кишини көргөндө кыргыз сабатынын, кыргыз илиминин басып өткөн узак жолун түгөл, көзмө-көз көргөндөй таасир алчубуз.

Чындыгында ошондой, өткөн окуяларды ай, күнүнө чейин унутпай, ушу күнгө чейин эсинде сактаганына, көп тил билген көсөмдүгүнө, сандаган сөздөрдү санаа сандыгына батырып, сактап жүргөнү таң калтырчу.

Кеп сыйкыры менен бир заматта боюна тартып алып, жайдары кылып, пайгамбарлык сөз жөнөтүп, кандай сөз уга турганыңды билип, ошого сөз учугун бура тарткан чоң психологдугу да бар эмес беле.

Калабалуу заманда тирлик жашоосу дагы тим өтпөй, бирде куулуп, бирде камалып, бирде айыпталып, турмуш шарына бул тууштуу адам муюбай, кантип туруштук берип, кантип нерви чыдап келгенине, кайратына ыраазы болосуң.

Окумуштуулугун ойдон чыгарып койгон күндө да, анын карыялык касиети, салабаты, өтө бийик ички маданияты, сыпаалыгы, жан дүйнө тазалыгы адамды суктандырат.

Баарыдан да Айша эже экөөнүн бирге өмүр сүргөнү, бирине бири эриш-аркак дем болгону, ак куунун жубундай, эгиз козудай жарашып турчу. Эки эстүү экен, токон кошулат дейт. Буларды кудай чын пейилинен сүйүп кошкон. Бирине бири шай. Эже да илимпоз, стенографист, КМУнун окутуучусу болгон.

Тагдыр буюруп, К. К. Юдахин, К. К. Сартбаев, З.Бектенов, К. Карасаев агайлардан окуп да, акыры чогуу иштешип, алардын аския-азилдерин, жолдоштук жоруктамашаларын угуп, көрүп-билип, азбы-көппү таалим-тарбияларын алып, бирге иштешип калдык.

Каламы кайраттуу, акылы күзгүдөй тунук акылман карыянын басып өткөн ары татаал, ары катаал, бирок ардактуу жолу ар кимди кызыктырбай койбойт. Бул чоң адам тууралуу чоң-чоң изилдөөлөр келечекте болоруна көз жетет. Ат эмес атан көтөргүс илимий дөөлөттөрдү жараткан жагы өзүнчө чоң сөз. Ошондуктан бул макалада өмүрүнүн урунттуу учурларына гана чолу жасайлы.

Ал касиеттүү Ысык-Көлдүн Кең-Суу айылында 1901жылы төрөлгөн. Жети жашына чейин чоң атасы Калбек ажынын колунда өскөн экен. Сегиз жашынан баштап, Султанаалы Түмөнбай уулунан окуп, өзү айткандай «актан караны тааныган». Алланын буюрган насиби экен ошол азиз адамдын кызы Айша апа кийин бул кишинин өмүрлүк жубайы болуп калган. Молдолордон окуп, чыгыштын чыгаан акындарынын китептери менен таанышкан.

1914–1916-жылдарда Караколдогу Орус тузем мектебинен окуйт, тирикарак, зирек бала Пушкиндин ырларын жаттайт, көзү ачылат, орус илим булагынан суу ичет.

1916-жылдагы алаамат үркүндө эл менен бирге Текесте болот. Кыргыз кыямат күнгө туш болуп, өлгөнү өлүп, тирүүсү малдан ажырайт, тентип тербийт. Ал мүшкүл кыргыз элинин жүрөгүнө кыяматта кеткис дарт болуп орноп калды. Улут трагедиясы болду. Кайгыга кабылган кайран элдин каран турмушу кара туман, караңгы түндө калган. Мусапырлык өкүм сүргөн.

Жаш Кусейин жан сактоонун айынан калмак менен бирге кой кайтарган. «Койчу калмак менен коюндашып жатып көк бити да мага жайылган» деген каңырыгы түтөп. «Ой, күмүн! Чини бөсүн» (ой, адам, сенин битиң) десем: «О, күйкөнү хүмүр бурут. Мини бөсүн биши, чини бөсүн» (О, кызыталак кыргыз. Менин битим эмес, сенин битиң) деген сөздөрдү да уктук».

Кантсе да жөндөмү бар адам жөн жүрөбү. Ал күндөрдү азыркыдай эскерген: «Кыргыздарды кайта Орусияны көздөй айдаганда, сүрүлүп отуруп Шапак уруусу жашаган Агыязга келдик. Жан бакмакка Талып деген бай соодагер өзбектин балдарын окуттум. Аркы-беркини таан ып, адам катарына кошулдум. 1920-жылы Текес өрөөнүн бийлеген Кытайдын чек арадагы сакчысынын тилмечи уйгур адамы Тохтакун дагенди окутуп жүрдүм. Ал киши көп тил билген, аябаган чечен адам эле. Ошону окутуп жүрүп, элдин чалгайы менен тааныш болдум. Эс-акылым өсүп, көрүнүктүү адамдар менен табакташ болуп калдым. Эл тааныдым, калмактын, кызай казагынын тилин билдим. Текесте калмакка күң болуп калган кыргыздын кыз-келиндерин көргөндө жүрөгүмө өчкүс так салды».

1921-жылы Текестен качкандар Ата Журтуна кетүүгө Кулжадагы Совет өкүлдүгүнө жана Кытайдын дотайына арызданып, уруксат алуу үчүн комиссия шайлаганда, жигит Кусейин да ошонун арасында болот.

Уруксат алып, ошол эле жылы туз буйруп, ЫсыкКөлгө келишет. Ал кезде эл кыйкас сабатсыз кези. 1923–1924-жылдары Кең-Сууда сельревком болуп иштеп, коом турмушуна аралашат, элге алынат.

Адамды адам арына келтирет. Илгери бирге окуган Касым Тыныстан уулу, Юсуф Абдрахман уулу, Кожокан Шоорук уулу, Ыскак Мукамбай уулу, Данаке Ыйман уулдарынын кайкайып, куржунга окшогон шым кийип жүргөндөрүн көргөндө, намысына келет. Сельревкомду таштап, 1923-жылы Ташкенге барып, Кыргыз-казак таалим-тарбия институтуна кирип окуп калат.

1924-жылы кыргыз эли өзүнчө обулус болуп бөлүнөт. Ал Ташкенде иштеген Ю. Абдрахман уулу, И. Арабай уулу, А. Сыдык уулу, Т.Токпай уулу, К. Рахматулла уулу менен өтө жакын ынак болгон экен. Кыргыз камын, кыргыздын келечегин ойлошкон, эл үчүн жанын, болгон билимин аябай жумшашкан, күрөшүшкөн.

Кыргыздын туңгуч гезити «Эркинтоону» чыгаруучулардын тобуна кирген. Ошондо эле кыргыз ымласын (орфографиясын) бу кишиге жүктөгөн. Ошол боюнча кыргыз орфографиясынын жүгүн өмүрүнүн акырына чейин аркалап келди.

1924–25-жылдары Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчулар факультеттерине сабак берип жүрөт. 1926-жылы Ишеналы Арабаев экөө «Жаңылык» китебин жазышат. «Ал китептен кыргыз сабатсыздыгынын 60 проценти жоюлду» – деп эскерет агай.

Терең билим алуу максатында, Ташкендеги окуусун таштап, 1928-жылы Ленинграддагы Чыгыш институтунун Түркологиялык семинариясына кирет. Институттун өзүндө лектор болуп да жүрөт, лексикадан сабак берет.

Дүйнөлүк даңкы бар С. Е. Малов, В. В. Бартольддун тапшыруусу боюнча В. В. Радловдун сөздүгүндөгү кыргыз сөздөрүн карай баштайт. «Ошо ишибизди, – деп эскерчү,– Бишкектеги Билим комиссиясына жазып жиберсем, Билим комиссиясынан «Кыргызча-орусча сөздүк» түзүү иши К.Карасай уулу менен К.Юдахинге тапшырылсын» деген токтом келди. Ошондон баштап бул ишке катуу кириштик. Жайкы дем алышта К. Юдахинди байбичеси менен айылыма ээрчитип барып, материал жыйноо менен катар К. Юдахинди нукура кыргыз кылдым».

Ошентип, бул эки окумуштуу кыргыз лексикасынын казанында бирге кайнаган, бирине бири эриш-аркак болуп иштеген. Чынында, бул эки залкар кошулбай калганда, азыркы сөздүгүбүз ушундай деңгээлде болмогу кыйын эле. Анын «Манас» жөнүндөгү дипломдук иши (1930) «Манас» комитетин түзүүгө өбөлгө болгон.

1931-жылы окуусун ийгиликтүү бүтүрүп, Бишкекке келет. Тил, адабият институтуна ага кызматчы болуп иштейт. Фольклорду жыйноо ишине кызуу киришет. Тоголок Молдону Нарындан чакырып келип, анын толгон чыгармаларын фондуга алат.

1931-жылы «Адабият жыйноо инструкциясын» жазып, басмадан чыгарып, эл арасынан манасчы издеп, айтылуу Саякбай Каралаевди алып келет, үйүнө этнографиялык кече уюштуруп, Белек Солтоной уулун, Касым Тыныстан уулун, Ыбрай Тойчу уулун, Турсун апа ж.б. чакырып, сындан өткөрөт. Алар бир ооздон Саякбайдын «Манасын» жазууну жакты рышат.

Анын бул аракети да бир чоңго жакпай калып, «районду чыңдоо» деген амал менен Жалал-Абад техникумуна мугалимдикке жиберилет. Үй-бүлөсү менен барат. Ал жерде да алынып, сонун иштеп жаткан күндөрдүн бир түнүндө «көзүн жылтыратып, түрмөгө камап коёт». Ал ошондой кез эле.

«Ошол 1931 жылы,– дейт,– беш картөшкө уурдаган киши да камалып аткан кез. Сурагына түшүнбөйм. Сураганы эле «кимди тааныйсың, канчадан бери таанышсың» сыяктуу сандырактар. Суракчы менен уруша кетип, бир тишимден да ажырадым. Түрмөдөн чыгып келсем, аялым үй-жайын ошо бойдон таштап, Бишкекке кетиптир. «Кудай урганды кошо ур» дегендей аялымды мугалимдиктен айдап салыптыр. Анысы аз келгенсип, үйдү да бошот» – дептир. Айла жок, баласын колтуктап, элге кетиптир. 1933-жылы түрмөдөн чыгып, Бишкекке келдим. Бирөөлөрдүн үйүнө баргандан балакетим тийбесин деп айбыгам. Эч жерге кызматка албайт. Кара көлөкө артыман ээрчиди да калды. Сүйрөлүп, Караколго бардым. Айша китепканага кирип иштемиш болот. Эптеп педтехникумга кирсем, «Туран партиясына мүчө болгонсуң» – деп айдап чыгат. Иши кылып ичпегеним – шор, кирбегеним – көр болуп жүрүп, 1936-жылга келдим. Ошондо оңдой берди болуп, мени «Орусча-кыргызча сөздүк» түзүү үчүн Москвага чакыртып кетти».

Балким, ошондо кетип калбаганда, бул кишини баягы калабалуу кайырмак К.Тыныстановдор менен бирге илип кетип, Ата бейитте болот беле, ким билет.

Андан соң деле жарып кетпептир. 1937-жылы «Сөздүгүндө» саясий ката бар. Ленивый деген сөздүн катарына ленинизмди бергенсиң. Ылдый карай окуса, «ленивый ленинизм» болуп атат. Сен муну «атайы иштегенсиң» деп «сөздүгүн» шкафка камап, өзүн кызматтан чыгарып салат. Бул иш орус кыштагы Одинцоводо болот. Каражаттан каржалат, туш-тушка арыз жазат. Ыйлап-сыктап жүрүп, 1938-жылы кайта кызматына киришет. Сөздүктү аяктап калган кезде, квартира берип, СССРдин СНК мекемесинин «Бюллетенине» редакторлукка да йындайт. Москвада чыгып жаткан «Манаска» консультанттык да кылат. Иши оңго жылып келатканда 1941-жылы Ата Мекендик согуш башталып, өкмөт Куйбышевге көчөт. Бу кишини Кыргыз СНКсына командировать этет. Аскерге барбай турган бронь берет.

1944-жылы кандидаттык диссертация жактайт. Чыгармачылык ишке чымырканып киришип, бир нече китеп жазат.

Кайрадан каргашага туш келет. 1949-жылдан баштап, кылдан кыйкым таап, кыргыздын далай жигиттери (Саманчин, Бектенов, Байжиев) камалат.

Оңдой берди болуп, бу кишини Москвадагы Ломоносов университетине лекция окууга чакырып кетет. Ошентип, ага укурук жетпей калат. Бирок 1950-жылы кайта келгенде партиядан кубалап салып, алты жыл кызматсыз жүрөт. Жада калса, котормо да бербейт. Айыбы: улуу орус тилин бузуп, самоор, үстөл, керебет, дого деп, кыргыздын тилине багындырып салгансың. Кылычтан мисал алгансың. Эскичилсиң. Улутчулсуң. Эл душманысың деген жалаалар тагылат.

Ушундай шартта кандай илим жаратат да, кандай тынч жашоо болот. «Ак сүттөн кара темгил» издеп тапкан кезең бул адамды кыйла эле мүңкүрөтөт. Көрө албаст ыктын көөсү улам коюулана берет.

Акыры зар-муңун Москвага жазып жатып, эң акырында Москвага чакыртат, партбилетин кайра таптаза алат.

Кыргыз мамлекеттик университетине орношот.

Алигидей арзыбаган айып тагуулар болбогондо, куугунтукка алынбаганда, бу киши капкачан доктор, академик болмок.

Агайдын устаздары айтылуу академиктер: В. Бартольд, Самойлович, Марр, Мещанинов, мүчө-корреспонденттер Малов, Дмитриев, Бертельстер болушкан.

Боордош казак достору Муктар Ауэз уулу, Габит Мүсүрөп уулу, Сабит Мукан уулу, композитор Ахмет Жубан уулу, Смет Кенесбай уулу, Балакай уулдары башына оор кыйынчылык түшкөндө ыба карап, көңүлүн көтөрүп, демине-дем кошушкан.

Кусейин агайдын табиятындагы тактык, сөзүнө тура билген бектик, калп айтпай, кайра тартпай, калыс сүйлөгөн бийиктик канына бүткөн касиети болсо керек.

Ардактуу эс алууга узаткандан кийин да партиялык акыны сексенден өткөнчө өз убагында келип төлөп турар эле.

Токсонго таяп баратканда партбюронун секретары болуп калдым эле: «Агай, мындан ары убактыңызды коротуп барбай эле коюңуз. Взносту өзүм келип алып турам, илимиңизди илгерилете бериңиз», – десем: «Өзү келип взнос алган да секретарь болобу. Сен коммунизмдин секретарысың го. Анда болуптур», – деди тамашалап.

Ар барганым сайын кулак курчун кандырып, сөзгө карк болуп Айша эженин эң назик энелик мээримине ыраазылыгым толуп кайтып жүрдүм.

Эски досторун эртең менен эле көргөндөй кеп салат, жарыктык. Жыл, ай, аптадан бери жадына сактаганына акыл айран болот. Ушундай касиет Зияш Бектенов агайда да бар эле.

Бир жолу барганымда: «Агай, ишти эми күрөп кирдиңиз окшойт?» – десем: «Чыңгыз улуу адам экен. Машинасын жибергенинен бардым. Аңгемелештим. Ар кайсы нааразылыктарымды айтсам: «Аксакал, майдага чарпылбаңыз, бүт болгонду жазып калтыра бериңиз. Архивде кала берсин. Сизди кийин изилдейт»,– деди. Ошондон кийин мен майда-чүйдө мага айтылган сын сөрөйл өргө жоопту да коюп, ишке гана алек болуп калдым. Иш эми кызыды. Убакыт жетпейт. Ата-а, пенсияга он жыл мурдараак чыгып алганда болмок экен»,– деп күлгөн. Тобом ичимде: «Каламга карылык болбойт тура»,– дедим.

Кара суудан да каймак чыгара сүйлөгөн карыя устаз, чыны менен чыгыштын акылман улуу адамдарынын бири. Урматка да, алкышка да бөлөнүүгө татыктуу.

Ур токмок кезде кубалап жүрүп куруткан менен, «алтынды дат баспайт» деген ырас экен, акыры акыйкат баасын алып, академикке, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер деген наамдарды алды. I даражадагы «Манас» орденине татыды. Бул киши сыйлыктын жеткен ченине татыктуу адам. Кагаздын каатчылыгына туш келип, канча казына сөздөрүн архивге өткөрдү. Аттиң, анекдотторун чыгарды эле, эл канын жерге тамызбай талап кетти.

«Накыл сөздөр», «Өздөштүрүлгөн сөздөр», «Камус наа ме» ж.б. китептери колдон түшкүс эмгектер. «Накыл сөздөрдү» окуган залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков: «Ушул жашка келгичекти эне тилди мыкты билген жазуучу атанып туруп, бир кыйла сөздөрдүн туюнтмасын жеткире билбегендигиме, кай бирин үстүртөн, калпыс туюнуп жүргөнүмө өзүм уялдым», – дейт.

Өзү сабак берген кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттерине жана окутуучуларына пайдасы тиет деп, мына бул эмгектерин жакынкы жылдарда жарык көрүшүнөн күмөн санап, кол жазма түрүндө кыргыз тил илими кафедрасына белек кылды эле.

«Камус наама» (энциклопедиялык сөздүк, 3-томдук) 1000 бет, «Манас» сөздүгү, 241 бет , «Кыргызча-арабча сөздүк» (сүйлөм), 107-бет, «Кыргызча-арабча сөздүк») (сөздөр), 160 бет. Камус (адамдар, окуялар, китептер жөнүндө), 70 бет. «Сөздү которуу жөнүндө» 37 бет, «Ислам дини жөнүндө» 90 бет, дагы ушул өңдүү ар кыл темадагы материалдар бар.

Агай кол жазмаларын кафедрага белек кылып берген менен  ортодо бирөө а кишиге: «Сиздин эмгекти башка максатта пайдаланып кетишет», – деп шыбырап барган экен.

Айша эже: «Үсөке, абаңдын кол жазмаларын кайта алып келип берчи, өзүбүзгө керек болуп калды. Жоголуп кетиши мүмкүн», – деди.

  • Эмнеге жоголот эле. Студенттер окушат, билим алышат.
  • Жок, айланайын, алып келип эле берчи!– деди эжем кыйылып. Бүт көтөрүп алып барып бердим. Унчукпадым. Чагымдан шек алдым.
  • Кол жазма китептериңиздин бир да барагы жоголгон жок, аман-эсен, – дедим. Агай оңтойсуз абалда турганын байкаткысы келбегендей болду. Аркы-беркини сүйлөп берди. Бир оокумда:
  • Ии, эмне сөзүң бар?– деди.
  • Кыргыз берген белегин кайра алчу беле, аба? – дедим.

Үч ооз кана жооп кайтарды:

  • Кап! Түшүндүм! Таарынба!

Улуу адамдын ушул сөзүнүн ары жагында камтылган канча ойлордун ачылбаган, айтылбаган сыры жатканын ойлоп:

  • Ыракмат, аба! Тим эле сизге эркелеп койдум! – дедим. Бир күнү Кусейин агай кафедрага жайдары келди да:
  • Калкабай, сен кафедра башчысың, кожоюнсуң. Мен бүгүндөн баштап кызматта жокмун. Үйдөн иштейм. Сабак бербейм. Айлык да албайм, – деп арызын таштап койду.

Андайды күтпөгөн Сартбаев агай:

  • Кусеке, балдар билим алсын. Коюңуз. Болбойт, – деди эле:
  • Жок, Калкабай, убара болбо. Көз көргөн менен кулак укпаса, ошол да оокат болобу. Үйдө иштерим чачтан көп. Ошолорду иштейм, – деп кетип калды. Агай айтканынан эгерим кадам кайткан эмес.

Ар бир урунту келген учурда сөзү даяр эле. Бир отурушта кулагына таккан аппаратын салбай келген экен.

Сүйлөгөнд өрдүн сөзүнө анча назар койбой, момоюп отурат эле, Айша эже:

  • Угуп атасыңбы? – десе:
  • Эмне дейсиң? Оозуң эле кыбырайт, – деп бир болгон окуян ы айтып кирди. – Илгери үркүндөн кайта келгенден кийин бир момун койчу чабан болуп жүрүп укпай калат. Бир күнү койлор жамырап маарап келатса, койлорду карап туруп таң калып: «Капырай, илгеркинин койлору маарап келчү эле, эмкилердин койлору маар абай эле оозун ачып келет экен»,– дептир. Аппарат калып калып мен да ошол чабан болуп отурам, баарыңдын оозуң эле кыбырайт».

Сабаты жок бирөө жөнүндө сөз болуп калды. Анда агай: «Илгери Тянь-Шанда «Пионер» деген колхоздо бир сабаты жок кедейди башкарма кылып коюптур. Эсепкысап менен жумушу жок. Малдан көп чыгымдар болот. Иши сотко берилет. Ага чейин партиядан чыгаруу керек. Бүйрөгө талкуулашып, акыркы сөз башкармага берилсе, мындай дептир:

«Кат билбеген кедейди

Калкка башчы койсоңор,

Статья илинтип,

Ак жеринен сойсоңор, Мейлиңерчи өкүмөт,

Деги мени менен тойсоңор».

Бүйрөнүн катчысы:

– Кой, чындыгында сабатсыз. Муну койгондо ката кеткен. Кызматтан алынсын, партияда калсын деп чечим чыгарыптыр деген кеп бар эле».

Ал сөздүк менен эле алек болбостон, көптөгөн илимий макалаларды жазып, курч маселелерди көтөргөн. Архивдик мурас материалдарын жарыялоо профессордун инсандык, окумуштуулук жүзүн азыркыдан да алда канча бийиктикке алып чыгар эле.

Мындан алтымыш жыл мурун жазган эмгектеринин биринде адабий тилдин орфографиясын, терминдерин, тактыгын (орфоэпиясын) сактоо үчүн, аны дурустап өстүрүү үчүн мына бул чараларды иштөөбүз керек деп көрсөткөн:

  1. Кыргыздын орфографиясынын эрежелерин колдонуу, аны жакшы билүүнү тиешелүү мекемелердин адамдарына милдеттендирүү керек. Ошону менен катар алардын кыргыз тилинен сабаттуу лугу жөнүнөн сыноолор жүргүзүлсүн.
  2. Күндөлүк газеталардан учураган, ар түрлүү алынып жүргөн терминдерди жыйноо да ошол мекемелердин адамдарына милдеттендирилүүсү керек. Ал эми ошол чаржайыт жазылып жүргөн терминдерди илимий жактан текшерип жөнгө салууну Академиянын филиалына тапшыруу керек.
  3. Газетада учуроочу имла каталарын мындан ары жоюунун чарасын көрүү зарыл. Ошон үчүн корректорлорду, машинисткаларды эне тилден окутуу жана абдан сабаттуу кишилер менен камсыз кылуу керек.
  4. Театр кызматкерлерин, актерлорун кыргыз тилинен милдеттүү түрдө окутуу зарыл. Кыргыздын адабий тилин нормасы менен тааныштыруу үчүн бир нече лекциялар окулушу керек. Бул жөнүндө жазуучулар да четте калуу жарабайт.

Мына ушул чараларды системалуу түрдө жүргүзгөндө гана адабий тилибиздин туура өсүшүн, анын сулуу тил болушун камсыз кыла алабыз, газета, журнал, адабий китептерибиздин беделин көтөрө алабыз. Ошондо гана тилибиз маданиятыбыздын күчтүү көтөргүчү боло алат («КК», 1945, 1-июнь)».

Профессор К.Карасаевдин бул сөздөрү азыр да күнү бүгүнкүдөй күчүндө. Анын кыргыз тилинин орфографиясына арналган макалаларында орфографиянын оор маселелерин ортого салып, жазууга кыйынчылык келтирген талаштардын түйүнүн чечүү үчүн көп түйшүктү башынан өткөргөн, ал айрыкча араб-иран сөздөрүнүн жазылышына кыйла кыжалат болгон: «Арабдын же фарсынын бир эле сөзү эки, үч түрдө айтылып, ушул күнгө чейин орфографиябызды бузуп келген. Мындай сөздөргө эреже коюу эч мүмкүн эмес. Алардын жазылышы орфография сөздүгүндө гана белгиленет. Бирок мындай сөздөр ар кимдин айтышы боюнча эмес, сөздүк боюнча жазылышы керек эле, бакытка каршы басма сөздөрүбүз көп учурларда, сөздүк боюнча колдонбой келе жатат. Орфография, сөздүк канчалык жакшы түзүлгөнү менен да тиешелүү жерлер аны туура колдонбосо, адабий тил бир нормага түшүү мүмкүн эмес» («СК», 1957, 18-сентябрь).

Сөздү так, орундуу пайдалана билүү жөнүндө көп эле макалаларды жарыялап, тил бузарларды катуу сынга алган. Ал жаатында жазылган архивдик материалдары да арбын.

– Айрыкча жазуу эрежелерин сактабаган белдүү жазуучулардын беделине карабай, алардын каталарын кашкайта жазып (А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Маликов, Т.Үмөталиев ж.б.), редакторлоруна да катуу дооматтарды оодарган.

Профессор К.Карасаевдин мына бул талабын моюндабаска арга жок. Ал азыр бизге калтырган насыятындай угулат: Маданий майданда иштеген адамдардын негизги куралы – тил. Адабий тилдин грамматикасын, орфографиясын жакшы билүү кандай керек болсо, сүйлөө тилибиз да ошондой так болуу керек, сыдыргыга салгандай так болуу керек. Мектептен окуган балдардан тартып, жогорку окуу жайларында окуган студенттердин сүйлөгөнү өтө начар. Ал гана эмес партиялык, советтик жана мекемелерде иштеп жүргөн көп кызматкерлердин, ал тургай мугалимдердин арасында кыргызча сүйлөгөн өтө начарлары бар. Ал бизде сот органдарында иш кыргызча жүргүзүлөт, өкүм кыргызча чыгарылат. Бирок аны окуганда түшүнүү кыйын. Анткени мында сөз тизмеги чубалжып жазылат, орфографиянын эрежелери так сакталбайт. Мындай кемчиликтер кечиримсиз. Бул жагынан да ишти тартипке келтирүүнү ойлонуп көрүү керек. Кыргыз элинин акылман макалында: «Тил – ойдун булагы» – дейт. Мына ошол ойдун булагын ылайлабай ардактап, кооз, көркөм, уккулуктуу кылып өстү рүү – калем кармаган жолдоштордун ыйык милдети» («СК», 1964, 13-июнь).

Котормо маселесине да бир нече макалаларын арнаган. Идиомалардын которулушуна эки тилди мыкты билүүнүн зарылдыгын көрсөтүп, сөзмө-сөз оодаруунун орунсуздугун сынга алган: «И.С.Тургеневдин «Аталар жана балдар» деген чыгармасынын котормосундагы «А та-тертый калач» деген идоманы «Ал сүрүлгөн нан» – деп койгон. Мындан эмнени түшүнүүгө болот? Андан көрө: «Далайды көргөн көк чоку же алчы-таасын жеген куу» – деп койсо, түшүнүктүү болмок дейт.

Профессор К.Карасаевдин жаш кезинен араб алфавитин куранды молдодон, Ташкентте, Ленинграддын Чыгыш институтунан чыгаан түркологдордон билим алышы анын окумуштуулук ой-чабытын бийиктеткен.

Илимдер академиясынын бир жыйынында орус сөздө рүнүн жазылышы жайында сөз жүрүп, талаштын түбү идеологиялык маселеге барып такалды. Профессор К.Карасаевди жарга жакшы эле такап коюшту. Бу киши да беттегенин бербеди: «Ырларда айтылат го: Жатканым жашыл керебет, жакындап жаным келе кет» – деп. Муну уйкашынан ажыратып «кровать» дечи, кадыресе эле сөз болуп калат. «Бакалея» деп жазыш керек экен. Муну кыргыз бакалея дебей эле «бакал» дечү: «Базардын көркү – бакал» – деп айтчу. Эми аны «бакалея» дей турган болсок, кыргыздын эски макалына жаңы түс берип: Базардын көркү – бакалея, карынын көркү – сакалея» деп алалы»,– деп күлдүргөн эле.

Бул улуу адамдын бир ооз сөзүн жерге түшүрбөй, чыпчыргасын коротпой том-том кылып китептерин чыгара турган да күн келер.

Өткөн өкүнүчүн жашыра албай, сөөгүнөн көк түтүн чыгарып куюлуш туруп:

«Ойлой-ойлой баш катты, Ой үстүнө ой басты.

Ооздон чыккан сөзүмдүн

Ар биринен кыйкым таап,

Ой, шумдук,

Жанымды далай какшатты.

Акты жашым,

Агарды чачым,

Не көрбөдү асыл башым»… –деп жазган. «Кайта куруу менин тушоомду чечти. Оор күндөрдү көргөн жабырым эстен чыкты. Бирок кара так калтырды. Куугунтук жеп үйдө олтурсам да чымырканып иштей берчүмүн. Ошолор текке кеткен жок.

«Эңкейип калган жаштамын,

Эмгекти элим билер – деп,

Эскерип мени жүрөр – деп,

Эскерме жазып таштадым».

Дагы эле улгайып калган жашыма карабастан, кыргыздын накыл сөздөрүн иликтеп, анын маанилерин ачуу менен алпурушуп атамын. Башым жерге жаткыча элиме кызмат кыламын. Коомчулуктун, айрыкча жаштардын мага ыба караганы менин демилгемди андан бетер арттырууда. Эл ичи тынч болуп, эл достугу арта берсин» деген мударис К. Карасай уулу.

Анткен менен карыя илимпоздун ак эмгегинин акыбети кайтты, калкы кадырлап, кадырына жеткен күндүн үзүрүн көрүп көз жумду, улуу зыйнат менен коюлду. Республиканын Президенти Акаев баш болгон мамлекеттик ишмерлер кабырынын башында болуп, Каракол шаарынын калайык-калкы курдап келип улуу урмат менен жайына узатышты.

Чыңгыз Айтмат уулу, Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Абдылхай Алдаш уулу сыяктуу ак ниет адамдардын адилет сунуштар ынын, көмөгүнүн аркасында эки томдук «Накыл сөздөрү» жарык көрдү. «Камус нааме» деген зор көлөмдүү эмгеги түркологдор үчүн да өзгөчө баалуу эмгек.

«Үй-бүлө жагынан бактылуу адаммын, өмүрлүк жолдошум, илимий жагынан эмгектешим Айша кыргыз тилинин стенографиясынын илимий негизин иштеп чыгып, 45 басма табак көлөмүндө эмгегин басмадан чыгарды. Улуу кызым Люся музыкалык мектепте ийгиликтүү иштеп жатат. Жогорку маалыматтуу. Ортончу кызым Галя химия илимдеринин кандидаты, республикага эмгек сиңирген рационализатор, ОшПИде ийгиликтүү иштеп жүрдү. Азыр пенсияда. Кичи кызым Алтынай илимдин доктору. КМУда иштеп жатат»,– деп тобо-топук кылып кеп салчу.

Бактылуу карыя, илимпоз агайыбыз, атабыз Айша эже менен аман-соо болуп, тукумдарынын урмат-кызыгын көрүп, канаттуу аты болгон каламы менен жаңы кылымга жарык маанайда жете барып жүз көрүштү дегенибиз туура болот. Артына өлбөс эмгек, из калтырган адамды көзү бар адамдардын катарында саноо калпыс деле болбос деп ойлойм.

Yсөнбек АСАНАЛИЕВ

ИСА АХУНБАЕВ

«Мен өзүмдүн эмгегим менен элдин уулумун. Бул элдин алдына башымды иемин. Элим, мен сенин кулуңмун. Жалаң эмгегим гана эмес, менин каным да сага таандык».

Мен – Иса. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тору-Айгыр айылында 1908-жылы 25-сентябрь күнү Иса Коноевич Ахун баев төрөлгөн.

Бала кезинен эле бирөөнүн малын багып, короосун бороон-чапкын, ит-куштан кайтарып келди. Аны байлардын кол астында кул катары иштеп берүү, келечексиз, бактысыз турмуш тагдыры күттү. И. К. Ахунбаевдин эскерүүсүнөн: «… Атам Тору-Айгыр айылында жашаган Самсонов Александр деген орто дыйкан адамдын малчысы болчу.

1916-жылы Түндүк Кыргызстанда падышага каршы көтөрүлүш башталат. Дүрбөлөң башталып, кыргыздар Кытайга качты. Бул 1916-жылдын сентябрь айынын баш чендери болсо керек эле. Тору-айгырлыктар Балыкчы аркылуу Тоңдун ашуусун бет алып жөнөп калышты. Азыктүлүк түгөнүп, мал өлүп, суук күчүнө алды. Менин минип жүргөн күрөң торпогум да өлдү. Ошентип, жөө калдым. Эң негизгиси күнү бүгүнкүдөй эсте калганы элдин тузу түгөндү. Жашоодогу эң оор абал – бул тузсуз калуу экен. Кытайдын кайсы бурчунан жай табарын билбеген эл агылып кете берди.

Кытай жеринде кыргыздардын турмушу өтө кайгылуу жана оор болду. Ач-жылаңач эл бир кадак жүгөрү унга жана бир канча бөзгө балдарын сата баштады. Ушундай балдардын катарында мен да сегиз жаш курагымда Алахун деген уйгур байына малчылыкка сатылдым. Бул жердеги кыргыздын көргөн кордугун баяндап берүү өтө кыйын. Качкындар сайроолорду, чычырканакты пааналап, жан соогалап жүргөндөрү али эсимде. Өлбөс оокат үчүн алар кытай менен уйгур байларына жалданып иштеп жүрүштү. Ата-энемдин колунда менден башка дагы эки баласы – улуу агам жана карындашым калды. Атамдын өтүкчүлүгү аларды жан сактатып турду. Эл өз жерин сагынып куса болуп жүрүштү. Алар чогула калышканда Көлгө кетүүнүн жолун издешип, көпкө сүйлөшүп отурушар эле. Ошентип, күткөн күн да келди.

Бул 1918-жылдын жаз айлары эле. Так кесе айта албайм, элге кетүүгө тору-айгырлыктардан он беш түтүндөйү камынып калышты. Алардын ичинде менин да атам бар эле. Камылга көрүүгө атама бир туугандары жардам берди. Алар акча чогултуп, бир бээ сатып берген соң, биз жолго чыктык. Бизге кошулуп атамдын иниси кошо жөнөдү. Беш бир тууганы жана карындашы үй-бүлөсү менен жол жүрөргө ылоосу жок түбөлүккө ошол жерде калышты. Алардын бар-жогу ушул күнгө чейин белгисиз. Менин тагдырым болсо башкача чечилди.

Менин жаңы «атам» Алахун бай, мени өз ата-энеме бербеген соң, Алахундун жайытынан алыстап ата-энем эки конум жерге узап кетишти. Менин бактыма жараша эки күндөн кийин атам кула бээси менен түн жамына келди да, мени уурдап кетти.

Акыры туулуп-өскөн жерибиз Тору-Айгырга келдик. 1923-жылы мектепке бардым. Качан гана колума карандаш, эки дептер жана бор тийгенде сүйүнгөнүмдү айтпа.

Окуу жылын анча деле жаман аяктаган жокмун, бирок орус классынан окууга аябагандай ынтызар болуп жүрдүм. Тору-айгырлык беш бала кийинки окуу жылында Балыкчыга барып орустан окууга убадалаштык. Айтканыбызды орундаттык. Ошентип, Балыкчыдагы мугалим орус аял менен, азыр анын аты-жөнү эсимде калбаптыр, сүйлөштүк. Ар бирибиз ай сайын ага бир пуддан буудай берүүгө макулдаштык.

Биздин окуубуз 4 айга созулду. Окууну андан ары улантууга каражаттын кем-карчтыгы мүмкүндүк берген жок».

Өмүрүнүн акырына чейин Иса Коноевич орус тилин өздөштүрүүнү уланта берди. Өтө маанилүү баш макалаларды, партиянын программалык документтерин үн чыгарып окууну көндүм кылып алгандыктан үй-бүлөсү да бул учурда анын тынчын алчу эмес. Медицина институтунун студенттерине жалпы хирургиядан лекция окуурдун алдында (ал ар дайым саат 4тө турчу) туруп, кабинетине кирип алып бүт лекциялык материалды үн чыгарып окуп чыкчу. Өзүнүн лекция окуудагы бай тажрыйбасына карабастан ар дайым ишти ушундайча баштачу. Ал жаратылышынан эле тубаса чечен адам эле. Анын сүйлөө чеберчилигинин бирден бир ийгилиги, бирден бир шарты – тилди жакшы пайдаланып, ар дайыма терең маани айкын түшүнүктөрдү берүүгө жөнөкөй сөздөр менен мейли партиялык чогулуштабы, илимий форумдардабы, дагы башкалардабы, элди өзүнө тарта билүүчү.

Бул көп окуган адам эле. Ал китеп магазиндерин жана киоскаларын кыдырып, күнүңкү жаңы түшкөн китептер менен таанышып, ал жерден куру чыкпаганын эскеришчү, ал эми үйгө таңгак-таңгак китептер менен келгенде үйдүн ичи жандана түшчү. Командировкадан болсо жаңы китепсиз кайт чу эмес. И. К. Ахунбаевдин өздүк китепканасында 3000 томго жакын китептери бар. Адабиятты жана китеп окууну сүйүүгө ал балдары менен неберелерин үйрөтөт. Өмүрүнүн акырына чейин чет тилдерди билбегенине аябай өкүнчү. Ар дайым өз окуучуларын жана балдарын чет тилдерин үйрөнүүгө үгүттөп жүрчү. Азыркы учурда чет элдик коллегалардын тажрыйбасын үйрөнбөй туруп мыкты хирург, өзгөчө илимий кызматкер болуу кыйын экендигин жакшы түшүнчү жана ар дайым айтчу. 1925-жылы Иса Коноевич Ахунбаев Ысык-Көлдөн жөө-жалаңдап Фрунзеге, андан Ташкентке жетет. Жаратылышынан тубаса өжөрлүгү менен эмгекчилдигинин натыйжасында Ахунбабаев атындагы Ташкент медициналык техникумунун кенже кызматкерлерди даярдоо бөлүмүнө өтүп, фармакология бөлүм үн 1930-жылы бүтүп чыгат. 1930-жылы сентябрь айында И. К. Ахунбаев Орто Азия университетинин дарылоо факультетинин 1-курсуна өтөт. Аны 1935-жылы бүтүрүп, Кыргызстанга келет да, Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө ординатор болуп өзүнүн врачтык ишин баштайт.

Ал өз ишине жан-дили менен берилген, кызуу кандуу хирургдардан болчу. Өзүнүн шакирттерине жардамдашып жатканда да өтө жооптуу учурларда чыдамсыздык менен демилгени өз колуна алып, оор операцияны аягына чыккандан кийин, ошол операция өткөргөн хирург жөнүндө эскерип турчу. Мунун өзү жаш хирургдарга бай тажрыйбасын үйрөткөндүк эле. Иса Коноевич кызматкерлерине адилет жана кайрымдуу болчу. Ал хирургдардын күчтүү жана мажирөө жактарын бат эле байкап, ошого жараша тобокел менен билимин, жаштыгы менен тажрыйбасын айкалыштырып, билгичтик менен хирургия лык бригадаларды түзө турган.

Операцияны бөлүштүрүүдөгү татаалдык жана жооптуулук ар бир хирургга белгилүү. Ошондуктан, көптөгөн факторлорду, өзгөчөлүктөрдү, нюанстарды кылдаттык менен эсепке алуу зарыл. Мунун бардыгын «аралыкта» тиги бөлүштүрүлгөн минуталар учурунда, качан гана сенин жакын жардамчыларың турган учурунда үн катпастан өткөрүү керек. Укмуш, бирок чындык! Операцияларды Ахунбаев бөлүштүргөндөн кийин хирургдардын арасында нааразылыктар болчу эмес. Адистик сезими зирек болгондуктан, ал хирургдар менен ассистенттерди укмуштуудай билгичтик менен ар биринин оюн түшүнө билип жайгаштыргандыктан, жыйынтыгында маселе оорулуунун кызыкчылыгы үчүн чечилчү.

Доценттердин, ассистенттердин, клиникалык жана ооруканалык ординаторлордун кызыкчылыгын адилеттүүлүк менен карап, алардын квалификациясынын өсүшүнө да максималдуу түрдө жардам кылчу. Коллектив болсо аны чексиз сүйүп, чын кадырлап, сыйлап жана урматтоочу. Анын шакирттери – жалпы профилдеги хирургдар, ар дайым адистик чеберчилик жөнүндө кам көрүүдө ал мезгил-мезгили менен хирургиялык патология жагына, ар кыл бөлүмдөргө которуп тургандыгын эскеришет.

Ахунбаев хирургга кайрылганыбызда, ал оорулуунун кызыкчылыгын жогору койгондугун көрсөтпөй коюуга болбойт. Өтө эле оор жана татаал оорусу бар оорулууга операцияны өзү жасоочу. Ал жетимиш жашка кадам койгондо клиниканын хирургдары анын ден соолугун сактоо максатында оор хирургиялык жүктүн басымдуу көпчүлүгүн өздөрүн алышса да, бул учурда да Иса Коноев ич суткасына операциялык столдун жанына 10–12 сааттан турчу, өзүнүн күчүнө ишенчү.

Ал эч качан кыйынчылыктардан коркпостон, өлүм менен акыр аягына чейин кармашчу. Мына бул мүнөзүн өмүрү өткүчө таштаган жок.

1935-жыл. Кыргыз Республикасында адис кадрлары жетишсиз болуп жатты. Иса Коноевич коомдук жана мамлекеттик иштерге тартыла баштады. 1935-жылы августта Иса Коноевич Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссариатынын дарылоо-профилактикалык бөлүмү боюнча орун басары болуп дайындалат.

Кыргызстанда саламаттык сактоону уюштуруу боюнча эмгектенүү жылдары башталды. Саламаттык сактоо эл комисса риа тынын күндөлүк иштери боюнча республиканын областтары менен райондоруна командировкага барып турчу. Акырындык менен мүнөзү курчуп, уюштуруучулук жөндөмдүү лүгү арта баштады.

1941-жылы сентябрда И. К. Ахунбаев Кыргыз Мамлекеттик медицина институтунун жалпы хирургия кафедрасына ассистент болуп дайындалат. Ошентип педагогикалык ишмердиги да башталды.

Согуш учурунда Иса Коноевич фронтко жиберүүнү суранып, бир нече жолу рапорт берет. Бирок ал оорукта да керек эле. Күнү-түнү дебей ал Советтик Армиянын айыгып келаткан аскерлеринин жанында болду. Согуш бүткөндөн кийинки 1948–1952-жылдар аралыгында Медицина институтунда директор болуп иштөө менен медицина тармагында жаш кадрлардын өсүшүнө өзгөчө көңүл бурган.

1954-жылы республикада Илимдер академиясынын ачылышы менен Иса Коноевич Ахунбаев биринчи президенти болуп шайланды.

Республикалык Илимдер академиясынын уюштурулушу кыргыз элинин турмушунда илим менен маданиятт ын гүлдөп өсүшүн айгинелеген тарыхый окуялардан болду.

1954-жылдан 1960-жылга чейинки аралыкта өлкөнүн жаш академиясынын коллективи тарабынан жетишилген ийгиликтери түздөн-түз анын биринчи президентинин жүзгүзгөн ишмердигине байланыштуу эле. Президент катарында ал республикада жаңы илимий багыттарды уюштуруп жана өнүктүрүүдө татаал проблемаларды чечүүгө туура келди. Медик болуп туруп кыйынчылыктарга карабастан, түздөн-түз анын кесибине ылайык келген маселелерди чечүүгө катышты. Ошол жылдары И. К. Ахунбаевдин сейрек учурай турган уюштуруучулук таланты, анын тубаса ойчулдугу жана тапкычтыгы, илимдин келечегин көрө билгичтиги, практикалык жана теориялык маселелерди так, ачык түшүнүүсү, илимий изилдөө лөрдү реалдуу пландаштыруудан байкалды. Өзүнүн кайраттуу жигердүүлүгү, ишке болгон сейрек жөндөмдүүлүгү, адамдарга жасаган мамилеси менен Иса Коноевич чынында эле коллективдин сүйүүсүнө жана терең урматтоосуна ээ эле. Иса Коноевич көптөгөн милдеттерди аткаруу үчүн кантип убакыт тапканына таң каласың. Анткени ал президент илимий-уюштуруучулук ишмердигинен сырткары, ооруларды дарылап, татаал операцияларды жасап, ошондой эле СССР Жогорку Советинин депутаты болуу менен депутаттык милдетин да тыкандык жана ак ниеттүүлүк менен аткарып турду.

И. К. Ахунбаевдин хирургия боюнча илимий жетишкендиктери жогору бааланып, ал бир нече жолу илимий докладдар менен Советтер Союзунун делегациясынын сос тавында чет өлкөлөргө барып келди. 1952-жылы Иса Коноевич Венада өткөрүлгөн врачтардын Бүткүлдүйнөлүк II конгрессине делегат болду. 1957-жылы Мехикодо өткөрүлгөн хирургдардын XVII конгрессине советтик делегациянын составында катышып келди. 1960-жылы Лондондо өткөрүлгөн эндокриндик бездердин оорусу боюнча Бүткүлдүйнөлүк конгресске делегат болду. Дублиндеги (Ирландия) хирургдардын XIX конгрессине советтик делегациянын жетекчиси болуп барды. 1965-жылы Чехославакияда өткөрүлгөн хирургдардын конгрессине, 1967-жылы Венага экинчи жолу хирургдардын XXII Бүткүл дүйнөлүк конгрессине барды.

Иса Коноевич Ата Мекендик медициналык форумдарга катышууга өзгөчө маани берүүчү, анткени мында жаңы билдирүүлөр жана идеялар, жүргүзүлө турган профессионалдык жумуштардын сапатын жакшыртууга, толуктоого түрткү берет дечү. Ал хирургдар менен эндокринологдордун бардык съезддеринде катышты десе да болот. 1969-жылы Ташкентте өткөрүлгөн Орто Азия жана Казакстандын хирургдарынын I съездинин төрагасы болуп шайланат. Мунун өзү анын Орто Азиядагы хирургия ны өнүктүрүүдөгү эмгегин баалагандыкка жатат. 1973жылы Дүйшөмбү шаарында өткөр үлгөн Орто Азия жана Казакстан хирургдарынын II съездине да ишкердүүлүк менен катышып, ошол съездде Фрунзеде өткөрүлө турган III съезддин төрагасы болуп шайланат, бирок тилекке каршы, бул съездге катышпай калды. И. К. Ахунбаев 1969-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн хирургдардын I съездинин демилгечиси жана уюштуруучусу болгон, антк ени республикада хирургиялык иштин өнүгүшүнө бул съездд ин мааниси чоң эле. Көрүнүктүү окумуштуу жана таасын хирург-практик катары күндөн-күнгө өсүшү Кыргызстандагы хирургдардын арасында аны белгилүү кылып, кадыр-баркын көтөргөн. Ахунбаевди көпчүлүгү устатым деп эсептешип, ага ар дайым кеңеш алууга кайрылып турушкан.

И.К. Ахунбаевдин изилдөөлөрү, негизинен, балдардын сокур ичеги, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Патофизиология боюнча белгилүү окумуштуу Г. Л. Френкель экөө чогулткан эксперименттик-клиникалык материалдардын негизинде жазылган «Шокторду классификациялоо жөнүндө» (1960) жана «Очерки по шоку и коллапсу» (1967) деген монографиялары Кыргыз ССРинин илим боюнча Мамлекеттик сыйлыгына арзыган (1970). Анын демилгеси жана жетекчилиги менен Фрунзе шаарындагы республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү 1959жылы уюштурулган. Анын хирург катары даңазалуу атка ээ болушун 1959-жылы 19-майда Орто Азия жана Казакстан боюнча биринчи болуп жүрөккө операция жасашы себеп болгон. Чындыгында, бул ошол мезгилде болуп көрбөгөндөй окуя эле.

Иса Коноевич 300дөн ашуун илимий эмгектин автору. Мунун 220дан ашыгы медицинага, калгандары тарыхый, илимий уюштуруу жана саясий маселелерге арналган. Ахунбаев медицина илиминин 34 кандидатын, 5 докторун даярдаган.

Ал кайсы ишти иштебесин, кайсы кызматта болбосун, жаны-каны менен өтө берилген, дуулдаган хирург эле. Ал адамдын эң кымбат нерсеси болгон ден соолугун чыңдап берген врач болучу. Бекеринен анын аты Иса деп коюлган эмес: араб тилинен которгондо «өмүр берүүчү» деген маанини билдирет. Ошол «өмүр берүүчү» Иса Коноевич Ахунбаевди шум ажал 1975-жылы 5-январда арабыздан алып кетти.

Ал өз өмүрүндө жүздөгөн жана миңдеген мекендештерин ажалдан алып калды. Жалаң эле мекендештери эмес… Адамдар болсо анын өтөлүнө чыгышып, өздөрүнүн алкышы жана кадырлоосу менен жооп беришти. Анын аброю эл арасында эң эле бийик болучу. Ошого карабастан Иса Коноевич ар дайым ажардуу, боорукер жана жөнөкөй адам боюнча кала берди.

И. К. Ахунбаевдин эмгеги жогору бааланып, 2001жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан, «ХХ кылымдагы эң мыкты илимий жетишкендиги үчүн» ардактуу алтын медаль ыйгарылган.

Нелли АХУНБАЕВА

БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ

Болот Мураталиевич Юнусалиев (кыргызча Жунушалиев), ата-энесинин айтуусу боюнча, эски Бишкекте, анын ата-энеси (энеси, атасы жана чоң атасы) Сейдекерим байдын колунда жалданып иштеп жүргөн кезде, 1913-жылдын декабрь айында туулган. Болот бир жашка чыккан мезгилде ата-энеси туугандары турган КичиКеминге көчүп барышып, көздөрү өткөнгө чейин ошол жерде жашаган.

1916-жылы кыргыздардын элдик-боштондук кыймылы башталып, үрккөн кыргыздар менен ата-энеси Кытайдын Синь цзян провинциясына барып, ал жерде эки жыл жашап калышат. Падыша өкмөтү тактан кулаганын уккандан кийин Болоттун ата-энеси өз жерине кайтып келип, дыйканчылык жана малчылык менен күн көрүшөт.

Чоң атасы Мураталы жана атасы Жунушалы (эл Жунушалы уста дешчү экен) өз эмгектери менен оокат кылышкан. Атасы Жунушалы устачылык кылган, дыйканчылык жана малчылык менен да алектенген. Бөтөнчө өзүнүн устаканасында арабанын ар кандай тетиктерин, тегирмендин куралдарын, үй буюмдарын (кычкач, тулга, бычак, калак ж.б.) жасаган. Эл аны Жунушалы балбан деп да аташкан, анткени дене түзүлүшү чымыр, булчуңдуу, ортодон жогорку бойлуу адам болгон. Ал арпа, буудай эккен. Аз болсо да анын жылкысы, мүйүздүү ири малы, майда жандыктары болгон.

Бекболот (Болот Юнусалиев), Болотбек, Ашырбек уулдары, Күлсүн, Күлүйпа, Осуйпа кыздары болгон.

Атасынын агасы Ташы Мураталин революцияга чей ин сот органдарында тилмеч, революциядан кийин советтик мекемелерде узак мезгилдер эмгектенген. 1952-жылы дүйнөдөн кайткан. Б.Юнусалиевдин окуп билим алышында бул кишинин ролу зор болгон.

Инилери Болотбек, Ашырбек Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта жүрүшүп, да йынсыз жок болушкан. Карындаштары колхоздо эмгектенишкен.

1920-жылдын күз айларынан баштап, Болот Юнусалиев Кичи-Кемин орто мектебинде окууга 1-класска кирет. Алар жашаган Камыштуу-Булак айылы менен мектептин арасы алыс болгондуктан, Жунушалы баласын ат менен алып келип, сабак бүткөнчө күтүп, кайра алып кетип турган.

Болот кичинекей, арык, бирок өтө тыкан, чыйрак жыйын тыктуу болгон. Окууга зээнин коюп, башталгыч мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, 1924-жылы Токмоктогу балдар үйүнө кирип, окуусун улантат. Бул жерде 1927-жылга чейин окуйт. Мектепте эл акыны Абдрасул Токтомушев менен таанышат, аны менен классташ болот. Бул жөнүндө А.Токтомушев «Болот мен сыяктуу арыкчырай кыска бойлуу бала эле. Ал мектепте окутулуп жаткан бардык сабактарга кунт коюп, мугалимдин айткандарын түшүнүүгө аракет кылып, сабак учурунда дайыма тынч отуруп угуучу. Үйгө берилген тапшырманы толук аткармайын ойноочу да, башка нерсеге алаксычу да эмес. Биз айрым түшүнбөгөн нерселерди Болоттон сурап түшүнөр элек. Ошол кезде эле мектеп окуучулары Болоттон келечекте чоң билимдүү жетекчи киши чыгат дешчү эле. Булардын бул пикирин турмуш чындыгы көрсөтүп, ал көрүнүктүү илимпоз-академик, белгилүү уюштургуч жетекчи да болду»,– деп эскерер эле.

Мына ошентип, Болот 15 жашына чейин ата-энесинин, мектептин тарбиясында болсо, андан кийин бүтүндөй мектеп тарбиясында чоңоёт. Алгач жатак мектепте, 1927–1930-жылдары Ташкен шаарындагы политехникумда, 1930–31-жылдары жумушчу факультетинде окуйт. Аны 1931-жылы бүтүрүп, В.И.Ленин атындагы Москва пединститутуна кирет. Атасы Жунушалы 1930-жылы колхозго кирип, өмүрү нүн акырына чейин арабакеч болот. 1933-жылы дүйнөдөн кайтат. Атасынын өлүмү окууну таштоого себепчи болуп, кайрадан Бишкекке келет. 1933–1934-жылдары Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссариатынын аппаратында иштейт. Ошол жылы энесин, ини-карындаштары менен өз багуусуна алат. 1934-жылдын март айында Кыргызстандын областтык партия комитети аны комсомолдук Фрунзе шаардык комитеттик секретарь болуп иштөөгө жиберген.

1935-жылы февралда ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун чечими боюнча Б.М.Юнусалиев кайрадан Кыргыз Республикасынын Эл Агартуу комиссариатына жиберилип, ал мектептер башкармасынын начальнигинин окуу китептерин жана программаларын басып чыгаруу боюнча орун басары болуп (1935–1938) иштейт. Мында Б.М.Юнус алиев окуу программалары менен окуу китептерин жалпы билим берүүчү мектептерде окутулуучу бардык сабактарга тиешелүү терминдерди түзүүгө жана калыптандырууга активдүү катышып, оригиналдуу окуу куралдарын, котормо окуу китептерин жана окуу программаларын талкуулоо жана бекитүү комиссиясынын ишине төрагалык кылат. Ал алгачкылардан болуп, «Алиппе» китебин түзүп, министрликтин бекитүүсү менен 1935–1937-жылдары үч жолу басылып чыгат. Кыргыз мектептеринин тарыхында, биринчи жолу 1935-жылдан баштап, Б.Юнусалиев которгон стереометрия боюнча окуу китебинен окушкан.

1935-жылы ВКП(б) Кыргыз обкомунун чечими боюнча ВКП(б)нын алдындагы марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын улут тилдерине котормочуларды даярдоочу үч жылдык жогорку курска жиберилип, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин 1938–1941-жылдары СССР Жогорку Кеңешинин ведомстволорунун кыргыз бөлүмүнүн редактору болуп иштейт. Ошол жерде иштеп жүрүп, СССР ИАсынын СССР элдеринин тили жана жазуусу илим-изилдөө институтунун аспирантурасын сырттан окуп бүтүрөт. Ошол эле жылдары «Орусча-кыргызча сөздүктү» түзүүгө катышып, анын «Г» тамгасын которгон. Кыргыз жазуусун латын алфавитинен орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавитке өтүү жөнүндөгү талкууга катышып, «Жаңы алфавиттин проект иси тууралуу» деген макаласын «Кызыл Кыргызстан» (1939) газетасына жарыялап, бул алфавит жөнүндө өзүнүн иштиктүү сунуштарын берген.

1938-жылы СССР ИАнын Тил илими институтунун аспирантурасына сырттан окууга киргенден баштап, 1941-жылдын май айынын аягына чейин илимий-иликтөө иштери менен алектенет. Гитлердик Германия биздин өлкөгө кол салган 1941-жылдын 23-июнунан 1945-жылга чейин Б.Юнусалиев Советтик Армиянын катарында согушка катышат. Алгач армиялык газетанын кабарчысы, орус тилинде чыгуучу фронттук газетанын адабий кызматкери, андан кийин бир жарым жыл казак тилинде чыгуучу фронттук «Красноармейская правда» газетасынын башкы редакторунун орун басары болуп кызмат өтөгөн.

Ата Мекендик согуш күндөрүндө Болот Мураталиевич аскерлердин алдыңкы катарында болуп, Советтик жоо керлердин эрдиктерин чагылдырган көптөгөн макалаларын казак, орус тилдеринде жогоруда аталган газеталарга жарыялап, аскерлерди Мекенин коргоого, патриоттуулукка, эрдикке, жексур душманды биротоло талкалоого, бүткүл жер жүзүн фашисттик чумадан биротоло тазалоого чакырган макала ларын жарыялап турган.

Согуш бүткөндөн кийин Б.М.Юнусалиев Кыргыз Республикасынын Эл агартуу министри болул 1946–1951-жж. иштейт. Бул жылдары кыргыз мектептеринде окутулуучу бардык сабактар боюнча оригиналдуу окуу китептери түзүлүп, же орус тилинен кыргызча которулган окуу китептери басылып чыгып, республиканын бүт мектептери окуу куралдары менен толук камсыз кылынган. Согуш мезгилинде чыгарылбай калган илимий-методикалык жана теориялык «Мугалимдерге жардам» журналы Б.М. Юнусалиевдин редакторлугу менен кайрадан чыгарыла баштайт. Ал журнал («Эл агартуу») бүгүнкү күнгө чейин өз өмүрүн улантууда. Анын беттеринде мектеп мугалимдерине ар налган окуу-тарбия иштеринин сапатын арттырууга багыт берүүчү илимий-методикалык макалалар жарыяланууда. Ошону менен бирге кыргыз тили жана адабияты, кыргыз элинин тарыхына, этнографиясына жана жаратылышына байланыштуу илимий-популярдык, илимий-изилдөө мүнөздөгү макалалар да жарыя ланып, ал мектеп мугалимдеринин жалпы илимий-теориялык, илимий-педагогикалык деңгээлин жогорулатууг а, билимин өркүндөтүүгө жана жогорку окуу жайларынын студенттерин илим-изилдөө жана окуу-методикалык ишке багыт алды рууда баа жеткис роль ойногондугу талашсыз.

Республикада мугалимдерге илимий-методикалык, педагогикалык жактан илимий теорияга негизделген практикалык жардам берүү максатында атайын илимизилдөө педагогика институтун уюштурууга да өз үлүшүн кошкондугу жалпы коомчулукка маалым. Ал бүгүнкү күндө Билим институту аталып, илимий-теориялык, илимий методикалык жана муг алимдердин билимин өркүндөтүү,  окутуу ишиндеги чеберчили гин арттыруу багытында иш жүргүзүүдө. Булардын бардыгы Б.М.Юнусалиевдин республикабыздын агартуу ишине сиңирген зор эмгегин айгинелейт.

Б.М.Юнусалиев жалаң гана практикалык, окуу-методикалык, жаштарга билим берүү жана аларды тарбиялоо иши менен чектелген эмес. Аны кыргыз тилинин ар түрдүү кубулуштары, кыргыз адабий тилинин калыптанышы жана өнүгүшү, адабий тилдин негизин түзгөн булактар, кыргыз тилинин грамматикалык структурасы, лексикалык курамы, диалектилик өзгөчөлүктөрү, тарыхы да илимий багытта иш жүргүзүүгө абдан кызыктырган. Ошондуктан ал азыркы кыргыз тилиндеги этиштик жардамчы формаларды фактынын негизинде изилдөө аркылуу татаал этиштерди уюштуруунун компоненти катарында ага модалдык жана түрдүк маани бере турган жаратылышын аныктаган. Бул изилдөөсүнүн жыйынтыгы – СССР ИАсынын К.Я.Марр атындагы тил жана ойлоо институтунда «Кыргыз тилиндеги жардамчы этиштер» деген темада 1950-ж. бир добуштан коргогон кандидаттык диссертациясы. Диссертацияны коргоодо официалдуу оппоненттери СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, проф. Н.К. Дмит риев, филология илимдеринин кандидаты М.А.Баскаков жана окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү Б.М.Юнусалиевдин диссертациясы илимий жактан терең изилденген, теориялык-практикалык зор мааниге ээ иш экендигин баса белгилешкен.

Республиканын Эл агартуу министри, «Мугалимдерге жардам» журналынын редактору болуп иштөө менен катар илим-изилдөө ишин да уланткан. Ошондуктан кыргыз жана орус тилдерин, адабиятты окутуу маселелеринин актуалдуу проблемаларын көтөргөн, илимий-теориялык жана практикалык жактан иликтөөгө алынуучу проблемалар боюнча өз оюн күндөлүк басма беттеринде, илимий-теориялык жана методикалык-практикалык конференцияларда, кеңешмелерде дайыма билдирип турган.

Анын «Советская Киргизия» (01.06.1949) газетасына жана «Мугалимдерге жардам» журналына (1949, 9-саны) жарыяланган «Кыргыз мектептеринде орус тилин окутууну жакшырталы» жана «Кыргыз мектептеринин орус тилин окутуунун абалы жана аны жакшыртуунун чаралары» деген макалаларында орус тилин окутууда орун алган кемчиликтерди талдап, себептерин чечмелеп, кемчиликтерди четтетүүнүн жолдорун, ыкмаларын көрсөтүп, орус тилинин грамматикалык эрежелерин курулай жаттатууга багытталбастан, ал тилди өздөштүрүүгө, болгондо да практикалык жактан сүйлөй билүүгө үйрөтүү багытындагы баалуу сунуштарын берген. Илимий-методикалык иштерге байланыштуу ондогон макалалары жалаң гана тил жана адабиятка байланыштуу болбостон, окутуун ун методикасына, тарых, география, жаратылышты үйрөтүүчү сабактарга, жаштарды илимий-изилдөө иштерине багыт берүүгө да арналган. Ошондуктан Б.М.Юнусалиев илим келечекте жаштарга таандык экендигин да йыма баса белгилеген.

Жогоруда белгилегендей аны кыргыз тилинин ак туал дуу проблемалары дайыма кызыктырып, ошол багытта иликтөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келген. Натыйжада, аны 1951–1953-жылдары СССР ИАсынын Тил илими институтуна алып келет да, «Кыргыз тилинде уңгу сөздөрдүн өнүгүшү» деген темада докторлук диссертациясын жазат.

Кыргыз адабий тилинин калыптануу проблемасына байланыштуу өзүнүн оюн, көз карашын чагылдырган бир нече макалаларын жарыялап, илимий кеңештерде атайын илимий докладдар жасаган. Анын «Кыргыз адабий тилинин маанилүү маселелери» («Кызыл Кыргызстан» газетасы, 29.10.1954), «Адабий тилдин кээ бир маселелери» («Советтик Кыргызстан», 25.06.1958) аттуу макалалары ушул проблемага байланыштуу. Кыргыз адабий тилинин калыптанышын революциядан кийин «Эркинтоо» газетасынын чыгышы, бир нече окуу китептеринин жарык көрүшү Тоголок Молдонун чыгармаларынын басылышы, Молдо Нияз ж.б. кол жазмаларынын эл арасына таралышы менен байланышта карайт. Чындыгында, революц ияга чейин оозеки калыптана баштаган адабий тилдин улуттук жазуу-сызуусунун өнүгүшү, анын (адабий тилдин) тыбыштык түзүлүшү, грамматикалык формаларынын нормага келтирилишин кыйла тездете тургандыгы талашсыз.

Кыргыз адабий тили калыптанган башка бардык адабий тилдер сыяктуу эле жергиликтүү диалектилерин (кыргыз тилинин түштүк жана түндүк диалектилери бүт) базасында өөрчүй баштагандыгын белгилейт. Кыргыз адабий тилине негиз болгон тыбыштык системанын, сөздүк корунун, грамматикалык структурасынын бардык кыргыз элине бирдей орток жалпы кыргыз элинин биримдик тили экендигин баса көрсөткөн.

Молдо Кылычтын эл арасына таралган чыгармалары, революцияга чейин басылып чыккан О.Сыдыковдун «Мухтасар тарых Кыргызыя», «Тарых кыргыз Шадмания» ж.б. эмгектер жөнүндө дээрл ик сөз кылбагандыгы ошол мезгилдеги партиялык-командалык-тоталитардык режимдин «табусуна» байланыштуу болгон. Кыргыз адабий тили калыптануу жана өнүгүшү жагынан өтө жаш экендигин, ар бир жаңы жаш нерсе ар тараптан колдоого алууну, туура өнүгүүгө багыт берүүгө муктаждыгын, ошондуктан ага бардык жагынан камкордук жасап, андагы байкалган кемчиликтерди четтетип, адабий тилибиздин өнүгүп-өзгөрү шүнө, нормаларынын талаптагыдай өнүгүшүнө кол кабыш кылуу га чакырат.

Б.М.Юнусалиев кыргыз адабий тилинин маанилүү маселеси катарында тилдин тыбыштык түзүлүшүн, грамматикалык курулушун, лексикасын терең изилдөө, ал аркылуу жазуу эрежесин тактоо, кыргыз адабий айтымынын принциптерин иштеп чыгуу, кыргыз диалектилерин изилдөө менен тилибиздин тарыхын түзүүгө багыт берген.

Кыргыз тилинин айрым маданиятын, стилистикасын иштеп чыгуу, адабий стилистика менен катар көркөм чыгарманын, оозеки кептин стилин изилдөө маселелерин курч койгон. Бул маселелерди иштеп чыгуу, келечекте мыкты филолог адис терди даярдоого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеген.

Бул макалаларында республикалык, ведомстволук жана илимий чараларды иштеп чыгууга байланыштуу сунуштарын берген.

«Кыргыз тилин изилдөөнүн абалы жана кезектеги милдеттери жөнүндө» («Мугалимдерге жардам», № 6, 1959, 25–31-б.б.) деген макаласы кыргыз тилин иликтөө иши революцияга чейин эле орус түркологдору тарабынан башталгандыгын көрсөтүп, белгилүү түркологдордун ысымдарын атап, иштерин көрсөтө келип, кыргыз тилин системалуу түрдө ар тараптан изилдөө 20–30-жылдары колго алынгандыгын, алгачкы окуу куралдарын түзүү менен Касым Тыныстанов фонетика, морфология жана синтаксис боюнча нормативдүү грамма тиканы тарыхта биринчи мертебе түзгөндүгүн баса белгилейт. Ошону менен бирге К.Тыныстанов кыргыз тилин илимий багытта изилдөөгө негиз салган биринчи окумуштуу экендигин бөтөнчө көрсөткөн. Мындан кийин И.А.Батманов, К.К.Юда хин ж.б. грамматика, фонетика, лексикография, диалектология боюнча бир кыйла эмгектерди жараткандыгын, азыркы учурда кыргыздын улуттук тилчилери чыгып, алар кыргыз тилинин ар кандай кубулуштарын иликтөөдө зор иштер иштеп жаткандыгын белгилеп келип, тилчилер өнүгүп-өзгөрүп бара жаткан адабий тилибиздин стилистикасын, котормонун тилин, кыргыз адабий айтымынын маселелерин чечүү багытында ишти колго алууларына көңүл бурат.

Ал эми «Адабий тилибиздин диалектилик базасы жөнүндө» (СК, 05.01.1962) кыргыз адабий тилинин башаты тээ мурун эле элдик оозеки чыгармаларда, кээ бир акындардын (Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Молдо Нияз) кол жазмаларында жана оозеки түрдө түптөлө баштаганын, 1924-жылдан тартып улуттук жазуунун негизинде араб арибинде жарык көргөн «Алиппе», «В.И.Ленин» ж.б. китептер «Эркинтоо» газетасынын чыгышы адабий тилдин жазма түрүнүн өнүгүшүнүн башаты экендигин көрсөтөт.

Адабий тилдин оозеки, жазма түрүн жергиликтүү диа лектилердин негизинде жана алар менен тыгыз байланышта өнүгөрүн белгилейт. Бул адабий тилдин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелеринин такталышына, сөздүк составдын толукталышын, айрым грамматикалык формаларды пайдалануу ж.б. маселелер диалектилерди терең изилдөө аркылуу, алардын ортосундагы мамилелерди туура чечүү маселеси менен байланыштуу кароону сунуш кылат.

Адабий тилдин негизи жалпыга бирдей түшүнүктүү фонетикалык, морфологиялык, синтаксистик жана лексикалык белгилердин негизинде түзүлгөндүгүн фактылар аркылуу айгинелеген. Адабий тил социалдык-экономикалык, маданий жана адабий шарттарга байланыштуу өнүгүп, диалектилерден тийиштүү сөздөрдү алып, кеп маданияты калыптанып, адабий тилде диалектизмди колдонбой, адабий тилдин нормасын таза сактап сүйлөө, жазуу экендигин белгилейт. Алгач кыргыз адабий тилинин негизин бардык диалектилерге таандык орток белгилер – жалпы элдик кыргыз тили турат» деген жыйынтыкка келген. Бирок бул көз карашын кий ин кайра карап, К.Тыныстановдун адабий тилге түндүк кыргыз говорлору негиз болгон деген оюна кошулуп, аны далилдүү фактылар менен бекем деген.

Кыргыз тил илиминде анын орчундуу маселелери боюнча жогоруда биз атаган макалалары жана эмгектеринин ичинен бөтөнчө мааниге ээ, биринчи жолу сөз козгоп, кыргыз орфоэ пиясынын негизги принциптерин белгилеген пикири – «Орфоэпиянын негизги принциптери» («Кыргызстан маданияты» 15.05.1968) деген макаласы.

Бул макалада кыргыз адабий тилинин калыптанышы, өнүгүшү тилибиздин фонемалык составы, лексикалык системасы, грамматикалык түзүлүшүнүн нормаларынын негизинде ишке ашып, адабий тил мектептерде, окуу жайларында окутулуп, жалпы эл сүйлөй да, жаза да билүүгө жетишкендигин, адабий тилдин нормасында окуу китептери, көркөм чыгармалар, саясий адабияттар чыгарылып, күндөлүк басма сөздө, радиоберүүлөр менен телекөрсөтүүдө, жыйындарда, сценада, кинодо колдонулуп, коомдун ар тараптан өнүгүшүнө тынымсыз кызмат кылып, натыйжада алфавит бир кыйла такталып, орфографиялык эрежелер жолго салынып жаткандыгын баса белгилеген. Кыргыз орфоэпиясынан сыртка чыккан айтым дар га мисал келтирилип, айтымдын принципиалдуу эрежелери берилген. Кыргыз тилинин кеп маданиятын тийиштүү деңгээлге жеткирүүдө мектептин, коомчулуктун, радиоуктуруу, телекөрсөтүү, сценалык кепте, коомдук жайларда, чогулуштарда, конференцияларда, кеңештердин сессияларында сүйлөгөн оратордун кебинде адабий тилибиздин орфоэпиялык нормасын туура, так сактоо керек экендигин көрсөткөн. Чындыгында кыргыз тилинде сүйлөгөн ар бир киши өзүнүн сөзүнө көңүл буруп, терең ойлонуп сүйлөө кептин маданий деңгээлинин жогору болушуна, түшүнүктүүлүгүнө, тактыгына жетише алары талашсыз.

Кыргыз адабий тилинин калыптанышы жана өнүгүш ү, анын стилинин дифференцияцияланышы, кыргыз тилинин изилдениш абалы, кыргыз тилинин диалектилеринин фонетикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу макалаларын жазып, илимий конференцияларда докладдар жасаган. Бул макалалары менен докладдарында адабий тилдин калыптанышына жана өнүгү шүнө бай ланыштуу жана диалектилерди так аныктай турган фактыларды жыйнап, аны илимий жактан ар тараптан терең иликтөөгө, алынган илимий натыйжалардын негизинде кыргыз адабий тилинин тарыхын түзүүгө киришүү, адабий тилдин стилистикасын дифференциациялоо ж.б.у.с. маселелерди күн тартибине коюп, тилибизди иликтөө иштерин жүргүзүүнүн багыттарын белгилеген.

Б. М. Юнусалиев  «Кыргыз  тили»  деген  эмгегинде (ал «СССР элдеринин тили» деген сериянын 2-томунда 1965-ж. Москвада басылып чыккан) тилибиздин конкреттүү фактыларынын негизинде азыркы кыргыз тилинин тыбыштык түзү лүшү, лексикалык курамы, грамматикалык структурасы, диалектилик өзгөчөлүгү жана тарыхы боюнча очеркин берген.

Кыргыз тилинин азыркы абалын, ар түрдүү кубулуштарын изилдөө максатында анын тарыхын терең иликтөөгө кызыгат. Ушуга байланыштуу ал кыргыз элинин тарыхы менен тилинин тарыхын тыгыз байланышта терең изилдөөгө киришет. Ал кыргыз тилиндеги уңгу сөздөрдүн өнүгүп-өзгөрүшүнүн фонетикалык, грамматикалык (синтаксистик) жана семантикалык жылыштарын жакын жана алыс тектеш тилдердин фактыларын салыштырматарыхый методдун алкагында иликтөө аркылуу кыргыз тил илиминде, ошондой эле советтик түркология да да, жаңы жыйынтык чыгарууга, жаңы пикир айтууга мүмкүнчүлүк алды. Бул изилдөөсүнүн жыйынтыгы 1959-ж. жарык көргөн «Киргизская лексикология» деген эмгеги болуп эсептелет.

«Кыргыз лексикологиясы» эмгегинде тилдик материалды салыштырма-тарыхый жана семантика-этимологиялык планда иликтеген. Ал эмгек түркологдордун күндөлүк китебине айланган эң жогорку илимий-теория лык деңгээлде жазылган эмгек болуп эсептелет. Бул эмгекке көрүнүктүү түрколог, СССР ИАсынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Н.К.Дмитриев, СССР ИАсынын корреспондент-мүчөсү, проф. А.К.Боровков, СССР ПИАсынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор В.В.Решетов, Кыргыз Республикасынын ИАсынын академиги, Өзбек Республикасынын ИАсынын корреспондент-мүчөсү, фило логия илимдеринин доктору К.К.Юдахин, белгилүү монголовед, филол огия илимдеринин доктору, проф. Т.А.Берта гаев ж.б. ондогон көрүнүктүү лингвист-түркологдор, монголоведдер жогору баа беришкендиги бекеринен эместигин баса белгилемекчибиз.

СССР ИАсынын корреспондент-мүчөсү Н.К.Дмитр иев: «Тарыхый жана салыштырма-тарыхый бай материал кыргыз тил илиминин негизине гана алынбастан, жалпы түркологияга негиз болот. Автор илимге өтө баалуу материалды берди, бул түрк тилдеринин салыштырма грамматикасын жазууда сөзсүз пайдаланылышы зарыл.

Автор аталган эмгегинде жакын тектеш тилдер менен алыс тектеш тилдердин бай факты материалдарын салыштырма-тарыхый методдун негизинде терең талдоо го алган. Натыйжада, автор уңгу менен уңгу сөздөрдүн байланыштарын жана айырмаларын, алардын өнүгүшүнүн спецификасын, тууранды сөздөр менен уңгу сөздөрдүн, ошондой эле моңгол, фарси жана башка түрк тилдеринен, орус тилинен жана ал аркылуу европалык тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөрдүн колдонулуш өзгөчөлүктөрүн факты аркылуу терең талдоосу ар тараптан колдоого татыктуу» – деп белгилеген.

Ал эми белгилүү ири илимпоз, проф. Т.А.Бертагаев: «Б.Юнусалиев түрк жана монгол тилдериндеги уңгуларды салыштырып иликтөөнүн кең перспективасын ачкан, анткени ал көптөгөн бүдөмүк этимологиялык маселелерди чечмелөөнүн жолун көрсөткөн» деген жогорку баа берген.

Б.Юнусалиевдин эмгеги көптөгөн көрүнүктүү ири түркологдор тарабынан абдан жогору бааланган. Мындай жогорку баа бергендер академик В.В.Решетов, академик А.Курбанов, профессор А.К.Боровков, профессор М.Н.Кыдыров ж.б. экендигин атоо зарыл. Булардын пикири боюнча Б.Юнусалиевдин «Кыргыз лексикологиясы» кыргыз тил илими гана эмес бүтүндөй түркологияга тилдик кубулуштардын терең жана өтө так салыштырып изилдөөнүн үлгүсү катары кирип отурат. Бул эмгек бүтүндөй түркологдордун күндөлүк акылдашуучу куралы боло тургандыгы шексиз экендигин бир ооздон белгилеп, өтө жогору баалаган. Менимче, мындай баа Б.Юну салиевдин бардык эмгектерине тиешелүү экендиги талашсыз.

Кыргыз диалектологдорунун ичинен биринчи жолу Б.М.Юнусалиев кыргыз жана монгол тилдеринин фактыларын салыштырма-тарыхый методдун негизинде иликтөөнү, эл жөнүндөгү тарыхый материалды тилдин тарыхы менен байланышта карап, тилдин тарыхындагы белгисиз кубулуштарды ачууну «Кыргыз диалектологияс ы» (1971-ж.) эмгегинде ишке ашырган. Ошондуктан кыргыз тилинин диалектилик өзгөчөлүктөрүн терең чагылдырып жазылган материалдын жоктугу окумуштууну бүт кыргыз элин аралап, узак жылдар эл оозунан диалектилик фактыларды чогултуп, аларды тектеш тилдердин материалдары менен салыштыруу аркылуу жогорку эмгегин жараткан. Ал эмгек жогорку окуу жайларынын филологдоруна, диалектология боюнча багыт жана билим берүүдө теңдешсиз эмгек, ал жаш илимпоз-диалектологдордун күндөлүк акыл суроочу китебине айланды, революцияга чейин жазылган Молдо Нияздын санаттарын, тилдик түзүлүшүн иликтеп (К.К.Юдахиндин 80 жылдыгына арналган макаласында), түштүк-батыш, түштүк-чыгыш диалектилеринин айырмасын ачык көрсөткөн тыбыштык, лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрдү санаттагы фактылардын негизинде талдоого алган. Бул макала акындардын чыгармасынын тилин изилдеген биринчи эмгек болуп эсептелет.

1954-ж. СССР ИАсынын тил таануу институтунда «Кыргыз тилиндеги уңгулардын өнүгүшү» деген темада докторлук диссертациясын бир добуштан коргоп, филология илимдеринин доктору илимий даражасын, ошол эле жылы профессор наамын алат.

Кыргыз Республикасынын коомчулугу Б.М.Юнусалиевди эл агартуунун гана көрүнүктүү ишмери эмес, кеңири масштабдагы ири илимпоз-филолог, түрколог, манастаануучу катарында да билишет. Ал тилчи да, адабият чы да, тарыхчы да болгон. Өзүнүн илимий эмгектери аркылуу кыргыз филологиясына, ошондой эле жалпы түркологияга зор салым кошкон.

Б.М.Юнусалиев 1954-ж. уюштурулган Кыргыз ИАсынын академиги болуп шайланган. 1954–1960-ж.ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, кыргыз тили кафедрасынын башчысы болуп иштейт.

Б.М.Юнусалиев республиканын агартуу министрлигинде алгач иштеген учурда эле кыргыз элдик оозеки чыгармаларын жыйноого көңүл бурган, анткени жаш кезинде эл арасында аткарылган элдик ырлар, айтылган ар кандай жомокторду угуп, алардын кыргыз элинин турмушунун ар түрдүү жактарын чагылдыргандыгын байкаган. Ошондуктан ал коомдук ишмер, ири уюштургуч, чоң окумуштуу катарында жалаң гана тилдин проблемалары эмес, кыргыз элинин адабиятынын, бөтөнчө анын эпосторунун пайда болушу, эл ичинен чыккан акындардын элдин турмушун чагылдырган ырлардан тартып, турмуштук, лирикалык, баатырдык эпостордун аткарылышы, алардын жазуу-сызуусуз эле укумдан-тукумга оозеки өтүп, байыркы учурдан бүгүнкү күнгө чейин пайда болуу башаты унутулбай, улам такталып, көптөгөн кошумча-алымчалары менен элдин эсинде төгүлбөй-чачылбай сакталып келиши абдан кызык тырган.

Бул бөтөнчө «Манас» эпосун изилдөөгө арналган эмгектеринде Болот Юнусалиевдин чыныгы фольклорист экендиги, эпосту изилдөөгө жасаган принципиалдуу мамилелеринен ачык байкалат. Анын илимде белгилүү эмгектерине караганда «Манас» эпосунун проблемаларына тике көңүл бурганы 1952-жылдын 23-майында «Совет ская Киргизия» газетасына «К вопросу об эпохе и возникновении эпоса «Манас» жана ошол жылдын 28-майында «Кызыл Кыргызстан» газетасына «Манас» эпосунун доору менен пайда болуу учуру жөнүндөгү маселеге карата» макалаларынын жарыяланышы менен башталат. Аталган макалаларында эпостун жаралыш дооруна жана ага себепчи болгон тарыхый шартка, кыргыз элинин тарыхындагы урунттуу учуруна көңүл буруп, көп жактуу талдоо жүргүзүлгөн.

Ошол мезгилде «Манас» эпосунун элдүүлүгү, же реакциячыл, зыяндуу, пайдаланууга жараксыз чыгармабы? деген маселе коюлуп, бүт элибиз ал маселенин чечилишине кулак түрүп, ал талкуулана турган конференциян ы күтүп турушкан учур эле. Эпостун элдүүлүгүн талкуулаган илимий конференцияга ошол учурдагы көптөгөн илимпоздор катышкан. Алардын арасында эпост у жактагандар да, терс баалагандар да болгон. Жарыяланган макалалардын ичинде айтылган орчундуу пикир Болот Мураталиевичтин макалаларында жүйөсүнүн негиздүүлүгү менен мүнөздөлүп, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган. «Манас» эпосунун чыгыш доорун IX–XI кылымдар аралыгындагы кыргыздар менен кара кытайлардын мамилелерине байланыштырган Б.Юнусалиев дин пикири бүгүнкүгө чейин эпосту изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү тарабынан колдоого алынып келе жатат. Ал эми илимий конференцияда Б.Юнусалиев макаладагы ойлорун дагы тереңдетип, кеңейтип сүйлөп, кыргыз элинин бул баатырдык эпосун реакциячыл чыгарма катарында көрсөтүүгө аракеттенген профессор А.Н. Боровков, профессор А.И.Климович сыяктуу окумуштуулардын докладдарындагы ойлоруна чечкин дүүлүк менен каршы чыгып, «Манас» эпосунун негизи элдик чыгарма экендигин эпостун материалдары менен далилдеген.

Окумуштуунун макалалары жана илимий конференциядагы доклады анын катышуучуларына ойлорунун негиздүүлүгү, келтирген факты материалдардын айныксыздыгы илимий форумдун чечими менен бастырып чыгарууга даярдалып жаткан эпоско башкы редактор болуу сунушталат. Докторант Б. Юнусалиев диссертациясын жазууну токтотуп, «Манас» эпосун басмага даярдоого киришип, анын машакаттуу зор эмгегинин натыйжасында эпостун бириктирилип кыскартылган төрт томдугу жарык көрөт.

Бул кыргыз маданиятынын тарыхында улуу мурас «Манастын» негизги окуяларын бүт камтыган үлгүсүнүн ири көлөмдө биринчи жарыяланышында башкы редактор Б.Юнусалиевге чечүүчү роль таандык экендиги айныксыз.

Ал илимий-иликтөө иштерин кыргыз тили, анын тарыхы жана «Манас» эпосун изилдөө сыяктуу өз ара тыгыз байланыштуу проблема боюнча жүргүзгөн.

Ар бир элдин тилинин лексикасы элдин тарыхына тыгыз байланыштуу, тагыраак айтканда, элдин пайда болушу жана өнүгүшү анын турмуш-тиричилиги жана маданияты, материалдык жана руханий байлыгын чагылдырган баа жеткис байлык экендиги талашсыз.

Б.М.Юнусалиевдин жогоруда аталган эмгеги түрк тилдеринин илимий грамматикасын түзүүдө, ал тилдердин сөздүк составын, тилинин тарыхын изилдөөдө үлгү катарында кызмат өтөп келе жаткандыгы жалпы түркологдорго маалым, анткени түрк тилдеринин тарыхын, лексикасын, грамматикалык курулушун жана тыбыштык түзүлүшүн изилдөөчүлөр анын изилдөө методуна, теориялык пикирлерине таянууда.

Тилдин өнүгүшүнүн ар түрдүү тарыхый этаптарын чагылдырган жазуу эстеликтери болбогон кезде тектеш тилдердин жазуу булактары менен тирүү тилдердин фактыларын, диалектилик материалды салыштырма-тарыхый метод аркылуу изилдөөдөн алынган жыйынтыктар өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз диалектилери боюнча жыйналган факты материалдарды (өзү бүт республиканын аймагында болуп чогулткан жана кыргыз диалектологдору жыйнаган) ар тараптан талдап, жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн атайын системалуу курс түзүп, программасын (1954) жана окуу китебин (Кыргыз диалектологиясы, 1971) жарыкка чыгарды. Ошондой эле «Кыргыз адабий тилинин тарыхы» курсун биринчи жолу иштеп чыгып, программасын (1956-ж.) түзгөн. Аталган эки предмет мурун окулган эмес. Кыргыз филологиясы боюнча аталган предметтерсиз жогорку билимдүү адистерди даярдоо учурдун талабына жооп бере албастыгы талашсыз эле.

Б.М.Юнусалиевдин демилгеси боюнча жогорку окуу жайларынын кыргыз филология факультеттеринин окуу планына кыргыз адабий тилинин тарыхы, кыргыз жазуус унун тарыхы, диалектология, манастаануу ж.б. курст ар киргизилип, азыркы мезгилде аларды окутуу улантылууда.

Илимий-изилдөө жагынан Б.М.Юнусалиевдин жүрөг үн өйүгөн проблема кыргыз элинин баатырдык «Манас» эпосунун жаралышын, анын узак мезгилдер бою ооздон-оозго өтүп, кыргыз элинин тарыхын, этнографияс ын, тилин, руханий дүйнөсүн чагылдырган факты катарындагы баа жеткис кенч экендиги, теңдешсиз баатырдык эпос катарында гана каралбастан, жалпы элдик тилдин оозеки функцияланган эстелиги түрүндө каралып, изилдөөчүгө баа жеткис факты материал, баарынан мурда лексикалык, ошону менен катар эпостун өзүнүн чыгышы, өнүгүш тарыхы жана тил дин тарыхын сыпаттоо багытында баа жеткис факты материал катарында изилдеген.

Эпостун тексттерин көп жылдар өз ара салыштырып иликтеп, анын ар кандай варианттарын, сюжетин элдин реалдуу тарыхына салыштыруу аркылуу анын пайда болуу доору жөнүндөгү гипотезасын айтууга окумуштууга мүмкүндүк берген. Бул эпостун бириктирилген төрт томдугуна («Манас», 1-бөлүк, 1-китеп, Ф., 1958) жана өзбек тилинде басылып чыгышына (1-китеп, Ташкент, 1964) жазган баш сөзүнөн ачык көрүнөт. «Манас» эпосу жана аны үйрөнүү боюнча бир канча макалалар эпостун бириктирилген вариантын түзүү тажрыйбасы жөнүндө китепте: «Киргизский героический эпос «Манас». – М., Изд. «Наука», 1961, «Великий эпос и сказитель» – «Улуу эпос, укмуштуу жомокчу» («Ала-Тоо» журналы, 1967, № I) жазган, «Киргизский героический эпос «Манас» – В кн.: История Кирг. ССР, т. I, Ф.; (Кыргызстан, 1968, 143–160-б.б.).

Тил жана фольклордун тарыхы боюнча дайыма эмгектениши кыргыз элинин тарыхын жазган авторлордун катарына кирүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ал Кыргыз ССРинин тарыхынын 1-томунун бир нече параграфын жазып, кыргыз элинин эл катарында калыптаныш маселелерин да көтөргөн.

Б. Юнусалиевдин илимий консультациясы боюнча университеттин кыргыз тил илими кафедрасы менен Кыргыз ССР ИА ТАИсинин тилчилери 60-жылдардан бери карай «Кыргыз адабий тилинин калыптанышын жана өнүгүшүнүн жалпы законченемдүүлүгү» деген комплексттик проблеманы изилдеп келе жатышат.

Б.Юнусалиев тил илими менен адабият таануу боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого зор көңүл бурган. Натыйжада, ал илимдин бир нече кандидаттарын жана докторлорун даярдады.

Б.М.Юнусалиев жогорку билимдүү жаш адистерди даяр доого бүтүндөй жан-оту менен кийлигишип, Кыргыз Республикасынын агартуу министри болуп турган кезинде жалпы билим берүүчү орто мектептин окуу пландарынын аткарылышына, аларга бардык предметтер боюнча программага ылайык терең билим берүүнү, окутуун ун алгылыктуу ыкмаларын (кыргыз тили, орус тили, кыргыз адабияты, орус адабияты, тарых, география, биология ж.б.) колдонуу жөнүндө дайыма багыт берип келген. Ошондуктан университеттин ректору болуп иштеген мезгилинде республиканын өзгөчөлүгүнө ылайыктуу бир топ предметтерди окуу планына киргизип, бүт университетти бүтүрүүчүлөр кыргыз тилинен мамлекеттик диктант жазууга милдеттүү болушкан. Бул өз учурунда эне тилин мыкты билүүгө, кыргыз адабий тилинин жазуу жана айтым нормаларын жүзөгө ашырууга багыт берген.

Ал эми жогорку билимдүү адистердин ичинен илимге жөндөмдүүлөрүн тандап алып, аспирантурада окуусун улантуу га, келечекте билимдүү адис болууга багыт берген. Анын жетекчилиги астында илимдин 5 кандидаты жана 2 доктору даярдалган. Ал даярдаган илимдин кандидаттарынын ичинен кийин 2 киши илимдин доктору болушту. Ошондой эле бир нече кандидаттык, докторлук диссертацияларга официалдуу оппонент болгон.

Б.М.Юнусалиев бир нече илимий иштерге, окуу китептерине, окуу программаларына редактор болгон. Алардын арасында Ж.Шүкүровдун «Кыргыз тилиндеги та таал сөздөр» (Ф., 1955), К.Карасаев, Ю.Яншансиндин «Орфографиялык сөздүгү» (Ф., 1956), Т.Ахматовдун «Кыргыз тилинин Талас говору» (Ф., 1959), «Манас» (1–2-китеп), «Семетей» (3-китеп), «Сейтек» (4-китеп), Э.Абдулдаевдин «Кыргыз говорлору» (Ф., 1966), «Орусча-кыргызча сөздүк» (1957), илимий-теориялык конференциялардын тезистери, илимий жыйнактар ж.б. эмгектер бар.

Бул Б.М.Юнусалиевдин талыкпаган эмгекчил, иштерман адам экендигин жогорку фактылар айгинелеп турат.

Кыргыз лингвисттеринин ичинен Б.М.Юнусалиев кыргыз тилин изилдөөнүн тарыхында биринчи болуп элдик кыргыз адабий тилинин калыптанышы жана өнүгүшүн кыргыз тилинин тарыхына байланыштуу мезгилдерге бөлүштүрүп аныктады. Б.М.Юнусалиевдин илимий эмгектери сюжеттик түркологияга кошкон зор маанидеги илимий салымы болуп эсептелет.

Б.М.Юнусалиевдин кыргыз тил илимине кошкон жаңы багыттагы салымдары менен бирге анын салыштырма-тарыхый методдун негизинде изилдөөгө калтырган проблемалык маселелерин колго алып, кыргыз тилинин тарыхы грамматикасында, фонетика-фонологиясында, лексикасында, кыргыз тилинин кеп маданияты жана стилистикасындагы, диалектисиндеги али ачылбаган түрдүү тилдик кубулуштарды иликтөө, ал жөнүндө тийиштүү илимий тыянак чыгаруу кыргыз тилчилеринин алдында турган кезектеги милдети болуп эсептелет.

Жогоруда аталган Б.М.Юнусалиевдин эмгектери кыргыз тил илиминдеги орчундуу проблемаларды чечмелөөнүн, болгондо да терең илимий талдоону ишке ашыргандыгын айгинелеп турат. Анын тилдин ар кандай кубулуштарын иликтөөгө колдонгон ыкмаларын, методдорун түркологдор ар тараптан колдоого алышып, изилдөө иштеринде пайдаланууда. Б.М.Юну салиев түркологияда ири илимпоз, насаатчы катарында таанылган.

Б.М.Юнусалиев ири илимпоз-түрколог, манастаануучу, педагог гана болбостон көрүнүктүү коомдук ишмер да болгон. Ал жаш кезинде комсомолдун Фрунзе шаардык комитетинин катчысы, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылышынын эл депутаты болуп шайланган. Улуу Ата Мекендик согушка чейин Кыргыз Республикасынын Эл агартуу комиссариатында мектеп башкармасынын башчысынын окуу программаларын жана окуу китептерин түзүү, которуу жана басмадан чыгаруу боюнча орун басары болуп иштеп, ошол мезгилден тартып Кыргыз Республикасынын агартуу, коомдук иштерине активдүү катышат. Бөтөнчө ВКП(б) БКнын алдындагы Жогорку партиялык курсун бүтүрүп, СССР Жогорку Кеңешинин ведомоствосунун кыргызча басылышынын редактору, ал эми 1945-жылы армиядан кайтып келгенден кийин Кыргыз Республикасынын Эл агартуу министри, «Мугалимдерге жардам» журналынын редактору (1945–1951), Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору (1954–1960), СССР – Кытай достук коомунун Кыргыз бөлүмүнүн төрагасы (1955–1964) болуп иштеп турган мезгилинде республиканын агартуу тармагына, жаштарга билим-тарбия берүүгө, республиканын эл чарбасын өнүктүрүү ишине активдүү катышкан.

Б.М.Юнусалиев башка окумуштуулар сыяктуу жогорку окуу жайын бүтүргөн эмес. Ошондуктан СССР Жогорку аттес та циялык комитет ага жогорку билими жок эле кандидаттык диссертациясын коргоого уруксат берген (Б.М.Юнусалиевдин архивинде бул уруксаттын оригиналы сакталып турат).

Кыргыз элинин патриот, принципиалдуу уулунун замандаштары: Ахунбаев Иса – академик, дүйнөгө белгилүү дарыгер:

«… Жашоо деген ушундай турбайбы… Кыргыз калкы орду толбос чоң жоготууга учурады. Сиздин бейитиңиздин жанында ушул сөздөрдү сүйлөп жатып, окумуштуу залкарлыгыңыз, кажыбас кайратыңыз, көк кашка суудай таза адилеттүүлүгүңүз, күрдөөлдүү илимий күчүңүз бизди таңдандырат жана сыймыкка бөлөйт»… (1970-жыл, 19-февраль).

Сыдыкбеков Түгөлбай – академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Эл жазуучусу, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси:

«… Болот Жунушалиев ошол министрлик милдетин өтөп турган кезинде эле илимге шыктуу жаштарга ак жол айтып, илимпоздордун катары өссө экен деди. Тил илимине колунан келген камкордугун көрдү.

Эң кубанычтуусу жаңы маданият жолунда өнүгө баштаган тил илими не, анын жазмасына, эреже-мыйзамына негиз салгандар ошол тунгуч окумуштууларыбыз болушту.

Алардын бири – ушул курбум Болот эле.

Моло ташты жалгыз көтөргөн атасы Жунушалы жылына кырманынан чеч толо түшүм алган дыйкан эле.

Ошол дыйкан атанын түйшүкчүл ыраатын улап, ал тил илиминин кырманында колунан келишинче өз түшүмүн берип, өз үлүшүн кошту. Биз ошого ыраазыбыз («Кыргызстан маданияты», 1986-жылдын 9-январы).

Петросян Арфо Аватисовна – москвалык белгилүү ада биятчы:

«… Болот Мураталиевич Юнусалиевди Москва шаарында СССР элдеринин эпосторунун тексттерин эки тилде басып чыгаруу жөнүндөгү идеяны тартынбастан көтөргөндүгү менин эсимден такыр кетпейт. Буга чейин СССР элдеринин эпосторунун тексттери орусча котормосу боюнча гана чыгуучу, оригиналына котормосу коштолуп берилүүчү эмес. Ал эми Б.М.Юнусалиев болсо «СССР элдеринин эпостору» деген Бүткүлсоюздук сериянын интернационалдык идея менен кош тилде чыгарууну колдогон азаматтардан болгон. Албетте, мындай ишти аткаруу үчүн толгон-токой кыйынчылыктарды баштан кечирүүгө туура келген…

Академик Болот Юнусалиев «СССР Элдеринин эпостору» деген Бүткүлсоюздук серия боюнча кыргыз томдорун даярдоого жигердүүлүк менен киришет. Ал эми даярдалып жаткан томдун негизин талкуулоо үчүн А.М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтуна бир нече жолу келген, анткени бул иш өтө татаал жана аябай машакаттуу болгон. Ошол себептен ал «Манас» эпосунун эки тилде басылышынын текстин даярдоого белсенип киришти…» (Б.Юнусалиевдин архивиндеги «Унутулгус адам» деген эскерүүсүнөн.)

Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна – академик:

«Бул адам ак ниет, баатыр, акыйкатчыл эле. Мына ошол акыйкатчылдык, өзүнүн позициясын жактоо жолунда заманыбыздын түрдүүчө кырдаалдарына жараша бир топ запкы да көрдү. Ошонун чоң фактысы катарында 1960-жылдары Молдо Кылыч, Касым Тыныстановго байланыштуу бул кишинин койгон маселелери колдоого алынбай, ал кишилер да жаманатты болушуп, Болот Мураталиевич дагы кызматынан түшүрүлүп, моралдык жагынан запкы жеди. Көрсө, ошол кездеги эле анын позициясы, акыйкатчылдыгы азыркы кездеги айкындык мезгилиндеги кайра куруу, жаңылоо мезгилиндеги бузгун элдин алган позициясына бек турган күчтөрүнө окшоп турганы бизди дагы бир жолу, биздин арабызда ушундай акыйкатчыл, кесиптеш кишилер болгондугу менен толкундатат. Экинчиден, бул киши канаты кеңири жайылган филолог-окумуштуулардан. Тил маселеси гана эмес, адабият маселесин бирдей алып жүрүп отурду» (1988-жылдын 27-октябрында кыргыз радиосунда «Жаркын өмүрлөр» берүүсүндө сүйлөгөн сөзүнөн алынды).

Келтирилген эскерүүлөр Болот Мураталиевичтин кандай киши жана кандай окумуштуу экендиги жөнүндө кабар берип турат.

Болот Мураталиевичтин өмүрү, чыгармачылык иштери, илимий багыттары, адамгерчилик сапаты, принципиалдуулугу жөнүндө дагы көптөгөн пикирлер жазылып, анын илимий эмгектери тиешелүү терең баа аларына шек саноо мүмкүн эмес.

Токтосун АХМАТОВ

МУСА АДЫШЕВ

Геология институтунун директору (1953–1974), вицепрезидент (1974–1978), Кыргыз ССР илимдер академиясынын президенти (1978–1979), Геология-минера логия илимдеринин доктору, про фессор, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги, Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Президентинин «XX кылымдагы илимде ири жетишкендиги үчүн» алтын медалынын лауреаты (ээси). Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери, СССРдин көптөгөн медалдары, СССРдин жана Кыргыз ССРинин көптөгөн Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты (1975-жылдан), көрүнүктүү коомдук ишмер. Илимдин металлогения, чөлкөм дүк (региондук) геология, литология жана ядролук геохимия областтары боюнча адис. Мектептин мугалими жана директору, кенже илимий кызматкер болуп иштеген.

Анын жетекчилиги астында илимдин 2 доктору жана 5 кандидаты даярдалган. Көрүнүктүү илимпоз-геолог жана улуттук илимди уюштуруучулардын бири тууралуу бул кыскача маалымат «Кыргыз илиминде кимдин ким экендиги» (Бишкек, 1997) деген китепте келтирилет. Көлөмү 42 басма табак болгон бул китепте илимдин бардык докторлору жөнүндө кыскача маалымат бар. Айтс ам адептүүлүккө жатпастыр, илимпоздорду илимий наам ы, алган өкмөттүк сыйлыктары жана башка көрсөт күчтөрү боюнча алардын илимге кошкон салымдарын эске алуу – текеберчилик болор: кимиси көбүрөөк, кими си азыраак салым кошту деген сымал. Ооба, негизинен муну оңтоюна чыгарыш мүмкүн эмес. Илимдин тарыхында көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот; учурунда улуу ачылыштар аалымдардын көздөрү тирүү учурунда бааланбай, улуу ойлоп табуулар илимий наамы жана даражасы жок илимпоздор тарабынан жаратылганын барк албай жүрбөйбүзбү. Ар бир инсандын, жеке эле илимпоз эмес, коомдун өнүгүшүнө салым кошуудагы ролунун жана маанисинин талашсыз бир чындыгы бар. Бул чындык – жол баштоосунда, жол чапкандыгында жана пионерлигинде.

Дүйнөдө бардыгы эмнеге тушугат: жаратылыш, коом, адамзат, маданият жана илим – бардыгы үзгүлтүксүз өзгөрүүгө жана өнүгүүгө (эволюцияга), бардыгы өзүнүн башатына жана акырына эгедер, бирок бул аякталыш кандайдыр бир жаңылыктын башатыдыр. Алгачкы чы йыр абдан оор жана татаал, эгер ал алгачкы жол чапкычтын башына туш келсе. Элибиз көч башында ким келерин айттырбай түшүнөт, ал – тажрыйбага карк, күжүрм өн, сабырдуу жана салмактуу, акыл тегер етип, ой калчаган инсан гана ылайыктуу жолду, керектүү жа йыт ты таба билип, тагдырын ага тапшырган элдин ажатын ачат.

Гений илимпоз Исаак Ньютон өзүнөн мурункуларга тиешелүү деңгээлде көңүл буруп жана жогору маани берип, физика илимин түптөгөндөр туурасында минтип айткан: «Эгерде мен илим майданында бир нерсеге жетишкен болсом, анда ал менин алптардын (гиганттардын) ийиндеринде турганды гымдан».

Бүгүн XXI кылымдын бийиктигинен карап, Кыргызстандын илиминин өткөн жолуна көз чаптырсак, анын жетишкендиктерин моралдык мыйзамдын негизинде баа лай билсек (бул ар бир маданияттуу адамдын ички дүйнөсүндө болот эмеспи), анда биз өздүк жана башка амбицияга алдырбай, алгачкы жол баштагандарды, кыргыз илиминдеги негиздөөчү аталарды эстөөгө тийишпиз.

Мына ушул өңүттөн алып караганда, Кыргыз Республикасынын Президентинин калыс чечими – кыргыз илимин түптөгөндөрдүн арасында болгон М.М.Адышевди жетинин бири кылып, арбагын урматтоо менен «XX кылымда илимдеги ири жетишкендиги үчүн» алтын медалы менен сыйлагандыгы. Улуттук геология илиминде алгачкы болуп жол чапкандыгы – М.М.Адышевдин ким экендигин айгинелеп турбайбы. Алтын медаль менен сыйлоо көзү тирүү кезинде болбостон, андан 22 жыл өткөн соң болуп олтурат, анын кыргыз илимине кошкон ири салымы мезгил жана тарых тарабынан тастыкталды. Чындыгында, элибиздин көптөгөн кылымдарды камтыган тарыхына үңүлсөк, анда бизде геология деген илим болбогондугуна ынанабыз, демек, Жер планетасынын пайда болуш тарыхын, анын эволюциясын, түпкүрүндө пайда болгон тоо тектерин жана кен байлыктарын, жер бетинин үстүндөгү керемет кубулуштарды изилдеген окумуштуу-геологдун жок болгондугуна толук ишенебиз. Кыргыз тарыхы улуу филологдор менен философторду билет: Махмут Кашкари (Барскани), Жусуп Бала сагун.

Балким, элибиздин дарыгер-табыптары жана санжырачы-тарыхчылары болгондур, ал эми геологдору болбогондугун бөркүбүздөй көрөбүз. Мага ушундай инсандар белгисиз, алар туурасында тарых илиминде да эскертилбейт. Мына ошентип, М.М.Адышев кыргыз элинин тарыхында биринчи илимпоз-геолог, жол баштоочу, ал өз колтугуна 14 илимдин докторун жана 107 кандидатынын тарбияланып чыгышын камкордукка алган. Алардын үчөө илимдер академиясынын академиги болушса, алтоо мүчө-корреспонденти болуп калышты. Алардын бири М.М. Адышев атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү геология институтун директору, академик А.Б. Бакиров «Мугалим жөнүндө сөз» деген макаласында («Слово Кыргызстана» газетасы, 21.08.2001-ж.) мындай дейт: «Кыргыз геология илиминдеги жол баштоочулар менин устаттарым, жеке эле мага эмес, бир тобубузга турмушка жана илимге жолдомо бергендер – көрүнүктүү илимпоздор М.Адышев, В.Королев, А.Кнауф жана В.Попов. Алардын ар бири кыргыз илимине гана эмес, дүйнөлүк илимге да белгилүү салым кошушту, алар бүгүнкү күнү ийгиликтүү өнүгүп келаткан илимий мектептин башатында турушту. Геология илими бүгүнкү күнү кайсы бийиктикке көтөрүлб өсүн, эртеңки күнү кайсы чокуга чыкпасын, кийинки келаткан муундар улуулар негиздеген «илимий станцияны» айланып өтүп кете алышпайт. Бирок менин устаттарымдын ичинен Муса Мырзапаязович Адышевге өзгөчө орун таандык».

Ушул эле эбегейсиз оор эмгек – илимдин дың талаасында алынган илимий кадрлардын мол түшүмү үчүн Муса Мырзапаязовичтин илимий эмгектерин эске албастан эле анын ысмын кыргыз элинин тарыхына жазганга себепчи болуп турган анын илимий эмгектери жөнүндө кийинчерээк сөз кылалы. Кыргыз элинин илгертеден келаткан салтына ылайык башатка кайрылып көрөлүчү, кайсы булактан башталып, анын өмүр суусу кайсы нук менен акты экен? Муса Адыш уулу ким, жердиги ал каяктан, анын тектүү ата-бабалары кимдер болду экен?

Теги боюнча ал сол канатка кирүүчү Адыгине тукумунун Баргы уруу сунан.

Муса – Адышбектин жалгыз уулу. Адышбек – Мырзапаяздын улуу баласы. Мырзапаяз – Абдылдабектин тун уулу. Белгилүү жоокер, өз элинин патриоту Абдылдабек – айтылуу Алымбек датка менен Курманжан датканын туну.

Төрткө чыкканда Муса Мырзапаязович томолой жетим калат. Бул учур кыргыз элинин турмушундагы түп-тамырынан бери зор өзгөрүштөрдүн мезгили эле.

Улуу Октябрь революциясы бардык баалуулуктардын, каада-салттар менен үрп-адаттардын, турмуш образынын терең өзгөрүштөрүн, улуу жетишкендиктер менен эбегейсиз жоготуул ардын мезгилин алып келди. Байбача болуп туулуп, өзүнүн жогорку тегине ылайык жеңилдиктер менен турмуш рахатынын даамын тата элек кезинде Муса жетимдиктин чөйчөгүнөн гана ичти: ачарчылык, суук, эне мээрими менен ата таалиминин жоктугу, тууган-туушкандарынын аны унуткарышы. Жетим балдар үйүндө тарбияланып (1925–1930), кийинчерээк педагогикалык техникумда окуп жана аны бүтүрүп (1930– 1935), мугалим болуп иштеп, бир аздан соң мектептин директорлугуна (1935–1936) чейин көтөрүлдү. Бул ошол учурдун көзү менен караганда дурус жана жооптуу кызматтан эле. Бирок жаш уландын билимге болгон чаңкоо сезими аны дагы нары жетелеп, 1936-жылдын күзүндө ал Ташкент шаарына келди. Шаардагы пединституттун даярдоо бөлүмүндө (1936–1937), андан кийин финансыэкономикалык институтунун жумушчулар факультетинде (1937–1938) билим алып, 1938-жылдын күзүндө Орто Азия мамлекеттик университететинин геология жана топурактаануу факультетинин студенти болуп калды. Муса Мырзапаязович аталган жогорку окуу жайында билимин 1941-жылдын декабрь айына чейин улантат.

Батыштан чыккан алоолонгон өрт, Мекендин башындагы оор түйшүк Мусанын окуусун үзгүлтүккө учуратты. Ал 1941–1943-жылдары Москва шаарындагы Советтик Армиянын К.Е.Ворошилов атындагы аскердик химия академиясынын угуучусу болот. Окууну аяктаган соң (1943-жылдын кышы), аскердик тагдыр аны Ыраакы Чыгышка алып барды, себеби фашисттик Германиянын өнөгү болгон Япониянын аскерлерине каршы Советтер Союзу аскерлердин ири контингентин кармап турууга аргасыз болгон. Билимдүү, тартиптүү жана аткаруу жөндөмү менен айырмаланган жаш жигит катардагы жоокерден улук лейтенантка чейин көтөрүлүп, химиялык коргонуу ротасынын командиринин кызматын аткарган. Япониянын аскерлерине каршы болгон согуштук аракеттерге катышып, күжүрмөн сыйлыктарга арзыды. Согуш аяктаган соң, Муса Мырзапаязович өзү билим алып жаткан университетке кайтып келип (1946), үзгүлтүккө учураган окуусун уланткан.

Тагдырдын буйругу ушундай экен, М.Адышевдин илимдин чокусуна болгон сапары кыйла кеч башталды; ал 32 жашында, 1947-жылы Орто Азия университетин аяктап, жонунда өңү өчкөн жана жукара баштаган жоокердин гимнастеркасы менен Мекенине кайтып келип, азыр өзүнүн ысмын алып жүргөн геология институтунун кенже илимий кызматкери болуп иштеп калды.

Жоопкерчиликтүү адам жана чыныгы патриот катары ал өзүнүн илимий ишмердүүлүгүн урандын проблематикасы менен байланыштырып, болгондо да анын маа нилүү бөлүгү ядролук геохимияга – радиоактивдүү металлдардын кендеринин пайда болуу мыйзамченемд үү лүктөрүн изилдөөгө арбалды. Эскерте кетейин, ошол учурда Советтер Союзунда америкалык бомбага теңдеше ала турган атом бомбасын жасоо боюнча ылдамдатылган адым менен кеңири масштабдагы иштер жүргүзүлүп жаткан. Геология илими жана геологиялык кызмат үчүн ядролук бомбаны керектүү деңгээлдеги уран сырьёсу менен камсыз кылуу проблемасы бөтөнчө багыттын бири эле. Баса белгилеп айтканда, алгачкы атом бомбаларынын сериялары үчүн уран Кыргызстанда казылып алынган. Ал эми МайлыСуу, Кажысай, Миң-Куш, Шакафтар (Сумсар) жана КараБалтадагы радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлар азыркы күнү биздин баш оорубузга айланды, бул казып алуунун жана кайра иштетүүнүн саркындылары да жок эмес. Мүмкүн, геология илиминин ошол учурдагы жаңы багытын Муса Мырзапаязовичтин тандап алуусуна анын майдандагы кези түрткү болуп, себеби ал Японияга жакын жерде аскер кызматын өтөп, америкалыктар 1945-жылы Нагасаки жана Хиросима шаарларына атом бомбаларын ташташып, адамзат алдында улуу күнөө жасагандан болсо керектир. Ооба, илимге жаңы кадам таштаган жаш окумуштуу башка теманы изилдөөнү тандап алганга толук мүмкүнчүлүгү бар эле; түйшүгү азы раак, илимий макалаларды жана монографияларды жарыялаганга кудурети көбүрөөк болмок, ошондой эле илимий чөйрөдө кеңири таанымал болууга шарт түзүлмөк. Радиоактивдүү элементтерди геологиялык изилдөө ошол учурда мамлекеттик деңгээлде өтө жашыруун болуп, материалдарды илимий журналдарга жарыялоого тыюу салынчу (1990-жылдарга чейин). Керек болсо, геологиялык талаа күндөлүктөрүнүн беттери номерленип, көк төлүп, биринчи бөлүм деп аталгандын сейфтер инде сакталчу. М.М.Адышевдин ачык басылмаларда жарыял аган эмгектеринин аз болгондугу мына ушул себептен.

Анын изилдөөлөрүнүн негизги объектиси болуп Кыргызстанда жаңыдан аныктала баштаган уран алып жүрүүчү кара сланецтер эле. Кийинчерээк бул изилдөөлөр М.М.Адышев жана анын шакирттеринин эмгектерине байланыштуу дүйнөлүк мааниге ээ болуп, беш элементтүү көмүртектүү фармация, же болбосо металл алып жүрүүчү төмөнкү палеозойдун вара сланецтери деп аталып кетти. М.Адышевдин ушул объектти тандап алып (ошол мезгилде белгисиз), Жердин тарыхындагы байыр кы чөкмө формациялардын, же болбосо деңиз бассейнинде пайда болгон тоо тектерин изилдөөнү илимий тобокелге салгандыгынын себептери эмнеде? 50-жылдардын башында дүйнөлүк илимде металл кендеринин пайда болуусунун магматогендик (вулканогендик) теориясы үстөмдүк кылып, мындайча айтканда, алар магматикалик эритиндилерден крист аллдашышкан деп эсептелинген. Уран дагы магматикалык эритмелерден келип чыгат деген тыянак да бар эле. Көптөгөн проблемалар менен алпурушууга туура келип, негизинен, ой өзөгү кантип, кандайча, эмне үчүн деңиз катмарларында уран кендери пайда болгондугуна келип такалган. Көптөгөн жылдарды камтыган түйшүктүү эмгектен кийин М.М.Адышев бул татаал илимий проблеманы ийгиликтүү чечип, алардын пайда болушу вулкандык-чөкмөлүк генезиске таандык экендигин далилдеп, же болбосо вулканогендик жана чөкмөлүү процесстердин уран кенинин пайда болуусу тоо тектеринин бул катмарында жаткандыгында жана катышкандыгында экен. Ошол мезгилдин көзү менен караганда, бул революцияга тете илимий иштеп чыгуу эле, тилекке каршы, уран тематикасы өтө жашыруун иштерге мүмкүнчүлүгү бар адистердин чакан гана чөйрөсүнө белгилүү болчу.

Бул сонун, азыр атактуу геологиялык формация Орусияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Кытайда, Кореяда жана Германияда таралган. М.Адышевдин кийинки, анын шакирттеринин, кесиптештеринин (Москва, Казакстан) изилдөөлөрү көрсөткөндөй, пайда болуунун геологиялык жана геохимиялык шарттары ырастагандай, ал өзү табияттын «таштанды төгүлгөн жайына» айланып, анда ар кыл металлдар топтолгон: уран, ванадий, вольфрам, молибден, фосфор, алтын ж.б. М. Адышев Кыргызстан КП БКга жолдогон катында (записка) өзүнүн көрө албас сезимге чалдыккан атаандаш тарынын тоголок арыздарына (алар заказ менен жазылып, Академиянын президентин шайлоо алдында боло калчу көрүнүштөрдөн эле) жооп иретинде минтип жазган: «…Ооба, мен өз өмүрүмдү, кара сланец формациясын изилдөөгө арнадым, алардын өнөр жайлык концентрациясында өтө баалуу металлдар кездешет… Мен ишенем, мезгил келип, техникалык мүмкүнчүлүктөр бул минералдык байлыктарды эл кызматына коёруна». Көрүнүктүү илимпоздун прогнозу анын көзү өткөнүнө көп жыл болгондон кийин гана тастыкталып олтурат. Көмүртектүү формацияларда ачылып жана чалгындалып, азыр иштетилип жаткан алтын кендери: Орусия («Сухой лог» – «Кургак-Колот»), Өзбекстан («Мурунтоо»), Кыргызстан «Кумтөр»), ал эми айрым өлкөлөрдө уран, молибден жана вольф рам казылып алынууда.

«Кара сланецтердин» проблемасы фокус сымал өзүнө геологиянын бардык багыттарын баш коштуруп, чөлкөмдүк (региондук) геологиянын, геохимиянын, литологиянын бардык тараптарын, кен байлыктар жана аларды пайдалануунун окуусун (учение) изилдөөнүн бардык методдорун таанып билүүнү талап кылат. Ошондуктан, таң калыштуу деле эмес. М.Адышев Ала-Тоонун (Тянь-Шань) геологиясынын башка маанилүү проблемалары менен да алектенген. Анын илимий жактан кызыктуу эмгектеринин бири Кыргызстандын белгилүү геологдору В.Кнауф жана В.Королев менен биргелешип аткарылган да, ал Ала-Тоонун жер кыртышынын түзүлү шүнүн моделине арналып, ошол учурдагы чогултулган бардык геологиялык, геофизикалык жана геохимиялык материалдарды жалпылоонун жана аны түшүндүрүүнүн негизинде аймакта өтө төмөнкү тереңдикте гелий элементи – келечектин элементи бар экендиги айкын болгон.

Академик М. Адышев Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо, Ысык-Көлдү жана башка табияттын кереметтүү объектилерин изилдөө иштерине олуттуу көңүл бурган. Республиканын илимий мекемелери өздөрүнүн башкы күчтөрүн, жаратылыш ресурстарын ар тараптуу жана тереңдетип изилдөө багытына жумшашы керек деп эсептеген. Себеби республикабыз табигый ресурстарга бай, алар аны айырмалап көрсөтүүчү өзгөчөлүктөрүнүн бири. Муса Мырзапаязович илимий уюштуруучулук зор жөндөмдүүлүккө ээ, илимий иштерди керектүү нукка багыттоого маш, эмгек жамаатына ылайыктуу моралдыкпсихологиял ык климатты жана чыгармачылык жагдайды түзө билген инсан болчу.

Анын бул жөндөмдүүлүгүн аныктап турган мүнө зүндөгү толеранттуулук – адамгерчиликтин жана даанышмандыктын айкын белгиси. Айтууга туура келет, Муса Мырзапаязович геология институтун жетектеп турган учурда, курчуган илимий талашып-тартышуу туу чокусуна жетип, плутонисттер жана нептунисттер деген агым түзүлүп, тоо тектери жана кендин пайда болушу магматикалык жана чөкмө түрүндө болору тууралуу эки тарапка бөлүнүшкөн. Түзүлгөн кырдаал Лысенко доорундагы генетиктердин кармашышынын мүнөзүн көрсөт көн. Атаандашуучулуктан курчуган кырдаалдан улам иш пар тиялык линия боюнча согуш жарыялаганга чейин жетип, чөкмө тектер мектебин жактагандарды кызматтан кетирүү менен алар тарабынан жакталган диссертацияларды СССР Жогорку Аттестациялык Комиссиясында бекитпөө маселеси көтөрүлгөн. Мына ушундай катуу эрегишкен татаал шарттарда, белгилүү ак сөөк тукуму деген «каргыш» жүгүн көтөрүп турган чакта, ага (М.Адышевге) кайраттуулукту, сабырдуу лукту, илимий даанышмандыкты, принциптүүлүктү, анан толеранттуулукту сактоо менен башкача ой жүгүрткөндөрдү «кысым га» албоо керек эле. Мисалга алсак, илимдин доктору, кийин академиктикке жеткен В.Попов, илимдин кандидаты, кийин доктор даражасын алган В.Сургай, жаш адис Ү.Асаналиев (кийинчерээк академик), акыркысын жогорку мартабалуу чиновниктер (Москва) натыйжасыз түрткүнүн азгырыгына чалдыктырышса да, алар жемиштүү иштөө үчүн зарыл шартт арды түзгөндүгү көп нерсени айтып турбайбы.

Жогорку маданияттуу адам, эрудициясы, жөнөкөйлүгү жана адамгерчилиги менен айырмаланган, ар кимге эшиги ачык, бой көтөрүүчүлүк менен төрөпейилдиктен алыс болгон Муса Мырзапаязович кадыр-барктуу жана нарктуу-салттуу болуу менен бирге советтик геология илиминин жылдыздарынын урматтоосуна жана колдоосуна ээ болду: академиктер Д.Щербаков, В.Смирнов, А.Яншин, А. Сидоренко, мүчө-корреспонденттер А.Сауков, В.Щербина, А.Тугаринов көптөгөн жана башкалар. Ушул мыкты байланыштары жана ушуга кошумча болгон так аргументтештирилген өзүнүн көз карашы өнүгүп келаткан жаңы багыттарды жактап жана сактап калууга мүмкүндүк берди. Мына ушуларга жараша каржылоо (финансылоо) иши жүргүзүлүп, илимий аппаратура жана жабдуулар менен камсыздоо жагы да карала турган. Бул иштин экинчи жагы – сүрмө топко жиреп кирүүгө өбөлгө берчү, себеби биздин кээ бир илимпоздорубуздун кандидаттык жана докторлук диссертациялары тигиндей-мындай себептер менен Москвада көбүрөөк кармалып калчу, көбүнесе идеологиялык чүмбөт менен.

Анын республикабыздын илимий кадрларын калыптандыруудагы ролун цифралык фактылар аттын кашкасындай даана көрсөтөт: анын жетекчилиги учурунда 22 жылга жакын убакыт ичинде, геология институтунда илимдин 14 доктору жана 107 кандидаты чыккан болсо, бул көрсөткүчкө 2000-жылга карата 48 диссертация жакталса, анын 12си докторлук даражаны алуу үчүн жакталган. Ачык айтканда, Жер жөнүндөгү илимдердин каймагы: геологдор, кенчилер, сейсмологдор, географтар жана гидрогеологдор даярдалып, алардын академиктер, мүчө-корреспонденттер, илимдин эмгек сиңирген, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары канат байлашып, өз алдынча Муса Мырзапаязовичтин уясынан учуп чыгышкан.

М.М.Адышевдин түздөн-түз көмөгү менен институтта көптөгөн жаңы багыттар өнүгүү жолуна түштү: стратиграфия, тек тоника, магматизм, инженердик геология, кен байлыктардын геологиясы, көмүрдүн жана мунайдын (нефть) геологиясы, гидрогеология. Ал өзүнүн көп төгөн күчүн жана энергиясын айрым илимий багыттардын өнүгүүсүнө, андан кийин алардын геология институтунан өз алдынча илимий мекеме катары түтүн булатышына жумшады. Тоо тектеринин физикасы жана механикасы, Сейсмология институттары аталгандар азыркы учурда Кыргыз Республикасынын илимдер улуттук академ иясында жетектөөчү абалды ээлеп турушат.

Жеке эле Жер илимдеринин өкүлдөрү Муса Мырзапаязовичтин камкордугуна тушукпастан, башкалары да четте калышкан жок. Ал алдыңкы көз караштагы инсан болгондуктан, өз мүмкүнчүлүгүнө жана тапшырылган милдетке жараша кадыр-барктуу академик, Академиянын вице-президенти катары республиканын келечегине ылайык келе турган илимий багыттарды дайы ма активдүү колдоп келген. Мисалы, ал активдүү гана колдобостон, Акаде миянын курамында молекулалык биология жана гендик инженерия лабораториясынын жана Минералдык сырьенун технологиясы институтунун ачылып калыштарын сүрөөгө алып, алар үчүн жол төшөгөн. М.Адыш ев табигый-техникалык аалым катары анын илимий кызыкчылыгы кендердин жана тоо тектеринин химиялык курамдарын тереңдетип изилдөө менен да арбалышып, азыркы мезгилдеги изилдөөлөр өркүндөтүлгөн жогорку тактыктагы аппаратуралар жана жабдууларсыз жүзөгө ашпастыгын терең түшүнгөн.

Ушул себептен ал геология институтунун лабораторияларын техникалык жактан жабдуу жагына өзгөчө көңүл бурган. Анын көмөгүнүн натыйжасында 1980-жылга карата геология институту чет өлкөлүк жана советтик жаңы аппаратураларга ээ болду; мындайды ошол кездеги кубаттуу жана бай келген республиканын геология башкармалыгы да алалган эмес.

1978-жылдын акырында Академиянын президенти болуп туруп, Муса Мырзапаязович өз алдына биринчи кезектеги эки милдетти койгон: Академия ны материалдык-техникалык жактан кайрадан жабдуу жана илимий кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу. Президенттин буйругу менен илимий жабдуулар боюнча бүткүл академиялык комиссия түзүлүп, анын милдети – мекеменин бардык лабораторияларын жаңыртып жабдуу боюнча майда-чүйдөсүн кошо камтыган практикалык программаны иштеп чыгуу. Табигый-техникалык багыттагы бардык лабораториялар бул ишке баш-оту менен киришишип, зарыл керектүү болгон жабдуулардын тизмесин түзүп чыгышты. Эң башкысы, Муса Мырзапаязович академиянын СССР илимдер академиясы ушундай аталчу, ал эми союздук республикалардын академиялары анын филиалдары катары эсептелинчү жетекчилеринин толук колдоосуна жетише алды. Эч кимге жашыруун эмес, Кыргызстандын илимдер академиясы кичи академиялардын бири катары ашыкча болуп калган акчалай каражаттын принцибинин негизинде каржыланчу жана жабдылчу. Ооба, М.М.Адышевге чейин бул маселени белгилүү жана түшүн үктүү себептер менен эч ким кабыргасынан койгон эмес. М. М. Адышевдин демилгеси менен республиканын жетекчилери курулуштун мамлекеттик планына Академиянын кызматкерлери үчүн 95 квартиралуу турак үйдү курууну киргизип, бул үй 1984-жылы пайдаланууга берилди.

Армансыз дүйнө болбойт экен. Муса Мырзапаязович Академиянын президенти болуп шайлангандан кийин туура 40 күн өткөн соң, 1979-жылдын 1-январь күнү күтүүсүздөн каза тапты (инфаркт). Жетим өткөн балалык, согуш жылдары жана чыңалууга тушуктурган илимийуюштуруучулук оор эмгек таасир этти окшойт. Аны менен кошо өзүнүн көптөгөн ой-тилеги жайга кетти.

XX кылымда геология илимин өнүктүрүүдөгү М. Адышевдин салымын ченөөгө мүмкүн эмес. Анын ысмы Кыргызстандын тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды. Кыргызстандын эли жана республиканын өкмөтү, анын алдыңкы көз караштагы зор эмгегине айрыкча баа берди. Жергебиздин түштүгүндөгү кырка тоо, анын эң бийик чокусу, Ака демиянын геология институту, Бишкектеги көчө, Гүлчө кыштагындагы (Алай районунун борбору, бул кыштакта М.М. Адышев туулган) көчө жана мектеп белгилүү илимпоздун ысмын алып жүрөт. Инсандын образы Бишкек шаарында мамлекеттин, илимдин, адабияттын жана искусствонун мыкты өкүлдөрүнө арналып тургузулган (1995) «Эл куту» деп аталган скульптуралык ансамблден да орун алды. Илимпоздун илимий идеялары өз жашоосун шакирттеринин жана жолун жолдоочуларынын иликтөөлөрүндө улантылып келүүдө.

Мен колумдан келишинче кыргыз илимин уюштуруучулардын бири болгон окумуштуунун бейнесине (портрет) сүртүм жасадым, качан жана кайда болбосун Муса Мырзапаязович жөнүндө кеп салганыбызда, ким аны билсе, көрсө, баарлашса, биринчи кезекте, анын адептүүлүк, моралдык жана гумандуулук сапаттарын эске салышат. Ошондуктан, бейнесин толукташ үчүн анын жеке турмушунан кыстара кетели. Таң каласың, ачарчылык коштогон жетим балалык, оорчулуктагы жаштык жана жетилгендик, чындыгында, булардын бардыгы жашоо үчүн күрөш болсо керек го, ачууга алдырбастыкка, өзүмчүл дүккө жол бербестикке жана майда-чүйдө иш менен соод алашпоого шарт түзсө керектир. Ал гуманист, ички маданияты жогорку адам, табият тартуулаган аристократизмдин нака өкүлү эле.

Улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлап жана бөпөл өчү. Чыр-чатак менен чагымчылдыкты жек көрчү. Кыскача айтканда, жогорку маданияттуу адам эле. Ал эч качан кимдир бирөөгө орой мамиле жасап, кескин сөз айткан эмес. Бул кокусунан адашкан жана жаңылып калган адамдарга да тиешелүү. Муну Муса Мырзапаязович бардыгын кечире берген адам катары түшүнө бербеш керек. Жок, ал өзүнө, же башка жакшы адамдарга болгон адепсиздиктин ар кыл формаларын, ылайыгы келбеген таарынычтарды, көрө албастыкты, ушактарды кабыл алган эмес, мына ушуга окшогон жаман жосундар анын жүрөгүн катуу ооруткан. Адепсиздик пайда болушу менен бир нече ирет кездешсе да, өзүнүн ага болгон итиркейин орой жана башка түрдө – келтирген эмес. Өзүнүн кайгысын, азап тартуусун ичинде сактаган, анткени ал башкаларга бул боюнча оордук салгысы келчү эмес. Негизинен, өңүнүн кубарыңкы тартып турушу, кургак жөтөлүшү (жаш кезинде өпкөсүнөн кагынгандыгынын себеби), анын ички сезимин билгизип турар эле. Мүмкүн, мүнөзүнүн бул белгилери инфаркттын себептеринин биридир. 1953-жылы тагдырдын улуулугу М.М.Адышевди кыргыз адабиятынын чыгаан өкүлдөрүнүн бири Жоомарт Бөкөнбаевдин жесири – Тенти Жунушбаева менен жолуктурат. Алар бири-бирин жактырып калышат. 1954-жылы Муса Мырзапаязович анын колун сурайт, Тенти болсо макулдугун берет. Ошентип, Муса Мырзопаязович ага ишенимдүү жана урматтаган жубай, анын Жоомарттан калган үч баласына мээрман ата болду. Ошондо өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары менен арбалып, майда-чүйөө иштер менен алектенгендердин көпчүлүгүн таң калтырган экен Муса Мырзапаязович өзүнүн үй-бүлө үчүн тандап алган жолу менен. Ооба, ал (Тенти) – жароок ер, татынакай, түшүнүктүү жан эле, белгилүү мамлекеттик ишмер жана акын, бирок жесир, болгондо да үч баласы менен, экөөлөп тандап алган жолунун чыныгы маанисин түшүнүшүп, өмүрлөрү өткөнчө бирине бири жөлөк жана тирек, көңүлдөрү төп келишкен, өздөрүнүн кылган иштерин эл кызыкчылыгына жумшашып, төрт балага татыктуу таалим-тарбия беришкен жубайлардан болушту.

Кулубек БӨКӨНБАЕВ

ЖЭЭНБАЙ МУКАМБАЕВ

Мадина эже менен кенен-кесир олтуруп мээр төгүшүп сүйлөштүк, а бирок агайдын мөмөлөп турган илимине тий бедик. Аман болсоң агай деп дагы бир ирет келербиз, ийне менен казган кудугун, андагы каштай тунук суу жайын окурманга кубана айтып беребиз, өмүр бою эл аралап, кумурскадай тыным албай чогулткан сөздөрүн, аары аракет менен жыйнаган элдик казына-кеп жайын аңгеме кылып айтарбыз дедик. Антпесе агайдын биз менен чогуу жашаган илимпоздук өмүрү, окумуштуулук тагдыры Тайторунун жарышка түшкөндөй, Алмамбеттин Сыргакка айткан сырындай узун жомок. Ал жомокто бу агайдын тагдыры менен өмүрү бар, өкүнүч-өксүгү менен кубанычы, атадан алтоо болсоң да бири кем дүйнө дегизген жалгыздыктын жанга ынак арманы да бар. Анын өзүнчө айтылганы оң дедик.

Агайдын кайтыш болгонун гезиттен окуп калдым. «Ленинчил жаштан» күлмүңдөй түшкөн сүрөтү көзгө урунду. «Ие, профессор болгонун жаамы журтка сүйүнч үлөгөн тура. Жакшы»,– дедим ичимден, анүстүнө көчөд өгү элдин кыймылы топтоло баштаган оюмду чачыратып жиберди. Сүрөт болбой куруп кал, ал бир караганда шаан-шөкөттөн элес берген теризде экен, оюмда агай жөнүндө жамандык жок эле, үстүбүздө кудай турат го: «Ушу киши да бир күнү өтүп кетет аа» – деп, ой түй шөлткөн эмесмин. Карасам эле гезиттин кара сызыгы башкача… Бутумду жерден тарталбай, боюмду кармап басалбай, төбөмдөн баскан оор жүккө төө күчүн жыйнап салалбай калдым.

Ошо бойдон а киши менин кыялымда гана жашап калды. Кээде сүйлөшөбүз, кээде жаңы жазган макаласын берет, кээде мени күтүп, алыстан келген адамдай иш бөлмөдө отурат, кээде өзү окуткан улуу-кичүү калемгерлер маңдайында, тамекинин түтүнүнөн үрүл-бүрүл көрүнүп, чекпесе да кеп кызыгын кыялбай, жүзүнө кызыл жүгүрүп, басмырт өңдөнгөн мүнөзү жазгы гүлдөй ачылып, тилинен макал, учкул сөз, дилинен ыйман адеп, нуска, салт уккандарга чачылып, ой топтоордо көп айтчу «ко-ош» дегенин кайталап, сөзгө конок келгенде ошо жадырашынан жазбай тыңшап, «ийе, ийесин» айтып кубаттап жатканын көрөм. Сөздүн тилин, өмүр таржымалын, жети атасын санжыра кылган киши эле. Сүйлөшсөм деп келгенде ал-жайдан кийин эле: «Ийе, колуң бошпу? Иш көп эмеспи?» – дечү. Сырын билчү элем, иш болсо да, кол бошобосо да бошмун дечүмүн. «Ко-ош, анда жакшы турбайбы»,– деп жаш балача сүйүнүп кетчү, же сөзгө тартчу, же суроодон аңгеме-дүкөн курап жиберчү. Ошондон ал башкача кө рүнчү: «Ушу жанагы тилчи-илимпоз Мукамбаев болбосун» – деп тааныбагандары бүшүркөтпөгөн карапайым өң-келбет чечиле кызып сүйлөгөндө сөздүн күчү мененби өңүнө өң, сымбатына сымбат, сүрүнө сүр кошулуп, кереметтенип кетчү. Кээде а кишинин менде калган кол жазмаларын окуйм, сүйлөп жаткандай, маңдайымда манаттай жанып олтургандай туюлат.

Ушу купуя дүйнө менен жашап жүргөнүмдө агайды көрдүм. «Кыргыз маданияты» гезитинин редакциясына келип калыптыр. Ашым Жакыпбеков чакырып жатат дегенинен барсам, а киши менен сүйлөшүп агай олтурат.

Чочуганым да, сүрдүккөнүм да жок. Болгону бу кишиге не болгон, алгач мага келчү эле, чоңдорго киргенге анча шыгы жок эле дедим. Дедим да учураштым, жалт карап алып: «Кел, келегой, силерге бир кызык иш алып келдим эле, оболу үчөөбүз акылдашып, макулдашып алалы»,– деп чоң күрөң сумкасын аңтарып эле жатат, же анысын тапсачы, чунак киши. Биз унчукпадык, алданеге шашкандай, алданеге кабатыр болгондой таризде. Сумкасы толо кагаз, учталбаган калемдер экен, улам алып чыгат, улам кайра аңтарат, аңтарган сайын калем, кагаз чыгат, а бирок бизге деген кызыгын таппайт. Агай убара, бир маалда үстөл үстүндөгүлөрүн карап, жыйнап жатып: «Мен унутуп койгон окшодум, сыйкы үйдө калтыргам го»,– дей баштады. Эмне кызык экенин да айтпады. Чыдамым кетип турсам керек, ордумдан кыймылдай калдым эле ойгонуп кеттим, түшүм экен… Ошентип жүрүп бир күнү агайдын үйүнө бардык.

Жээнбай агайыңар экөөбүздүн тааныштыгыбыз башында эле бар болчу, а бирок баш кошуу жөнүндө, жаштык жайында сүйлөшкөн эмеспиз. Ал бизден мурда окуган, окуп жүргөндө көрүшүп-билишчүбүз дечи, ошентсе да аны менен ай жарыгын шам кылып, узун түндү таң кылып таанышканыбыз 1952-жылдан башталат. Ооба, ошол жылдын январы болчу. Логвиненко менен азыркы Ленин проспектисинин кесилишиндеги «Киргизия» рес тораны бар эмес беле, ошерге бардык. Чакырып калдым, эмнеге чакырды, кандай сөз айтам деди экен ойлонуп, толгонуп да койбодук. Ноорузбаева курдашымды ээрчитип алдым да, аны менен бир бардык, ресторанга дегенинен бир азбир аз кылчактап туруп кирдик. Анда ал тиги Каратегин кыргыздарын кыдырып, сөз издеп жүрүп келген, өзү айтчу эле, ыраматылык сөз издеп, сөз жыйнап келгем деп. Үчөөбүз эле болдук, жашпыз, бири-бирибизди жакшы билебиз, теңтуштук жайы менен олтурдук. Каратегинин кайра-кайра кеп кылат, ии, баса, ошондо ал аспирантурага өткөн. Ошентип жүрүп сүйлөшүп калдык. Айша Карасаева эже бизге стенографиядан сабак берчү. Жээнбайды болсо жакшы тааныйт. Кусейин агайга бардым, Юдахин агайда болдум, Юнусалиев менен сүйлөштүм деп эле жүрчү. Булар менен баарлашканы табылбаган китебин окуп чыккандай эле болчу, алар да муну баласындай көрүшчү. Алар менен сүйлөшүп эле жүрө бересиңби, темаңды иштебейсиңби, окубайсыңбы десем: «Окуп атпаймбы, булар дагы өзүнчө китеп, күн өткөн сайын жазылып турган китеп да» – деп кубанып койчу. Айша эжеге Жээнбайдын жүргөн-турганы, кыял-мүнөзү башта эле жакчу, аспирант болгондон кийин ого бетер эне-бала болуп кетишти. Бир күнү айтат: «Эже экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү билет»,– деп. Адегенде бир аз уялдым, окуткан эжейибиз да. Көрсө, Жээнбай экөөбүздүн чогуу басып жүргөнүбүздү көрүп калчу экен, биз аны кайдан элес алалы, курбуларымдан да тактап сураган го. Анан Жээнбайга: «Жакшы экенсиңер, баш кошуп алгыла»,– деп айтып, мени жактырыптыр. Жактырганын укканда дагы уялдым, анан ойлоно түштүм, жактырганы эмнеси, жактырабы, жактырбайбы, ал бу Жээнбайдын иши да, анын кандай иши бар же мага кайын эже беле деп ойлодум. Көрсө, ал кишилер Жээнбайды ошондо эле баласындай көрүп, келечегин ойлошуп, алганы адам болсо деп ой жоорушчу турбайбы. Аны кийин мен дагы баштан кечирдим го көп эле. Көңүлү жакын адамдар аз тууганды көп кылат, жалгыз баштын жалгызын жакшылык менен чыгарат.

«Ачык сыналган аксабайт» болуп мен кийин 1953жылы Жээнбайга турмушка чыктым, Күрмөнтү элин гана кайын журт кылбай, тилчи, адабиятчы, айтор, илимпоздор чөйрөсүн да кайын журт кылдым. Ошондо Айша эженин сөзүн, жактырганын түшүндүм. Кийинки жылы ал кандидаттыгын жактады, кыздуу болдук. Ал жыйырма беште, үстүндө үйү жок, анысына да кайыл. Көрүп-билип калдыңар го агайыңарды, жашында деле ушундай барына бардаш, жогуна сабыр кармаган, кызылды эңсеп самабаган жигит эле.

Ии, баса, Жээнбай агайыңардын балалыгы да кызык болуптур, өзүндөй кайдан айталы ошентсе да мынча болду ошонусун кошо эскерип кетели. Эскерүүдөн адам жаны эс алат дечү өзү да. Булар үч эркек, эки кыз болгон. Улуусу ушу Жээнбай экен. Кийинкиси Дунган, анан Айтын, Сүйүмкан, Мария. Сүйүмкандан башка бир туугандары кудайга шүгүр, балдарынын кашында. Жээнбай ошо Күрмөнтүдөн төрөлөт, анан анын атасы Күрмөнтүдөн аркы айылда, мына бул Бугазов деген тилчи окумуштуу бар эмеспи, ошолордун жеринде иштеп калат. Аерде өңчөй эле дунгандар турган го, орус, кыргызы да барбы, айтор, Жээнбайдын тили бешик үйдөн орусча чыгып, кийин ал дунганча сүйлөп калат. Айыл балдары кайсыл тилде сүйлөсө ошол тил оюн тили болгон да. Жанагы Жээнбайдын бир инисинин аты Дунган болгону да ошол себептен. Кийин Күрмөнтүгө көчүп келишет. Жээнбай кыргызча окуйт. Ушуну көп эскерер эле, Бугазовго жолукса эле каткырып күлүп калышчу. «Ошондо эле үч тилди билип, тилчи болуп калган экенмин, билбей калыптырмын да»,– деп алданеге кейигендей муңая түшчү да, анан булуттан чыккан айга окшоп күлүп жиберчү.

«Тилчи болуп калганы» менен тиги мектепте окуп жүр гөнү да бир кызык. Ошондо эле ал гезиттерге Ж. Мукамбаев деп макала, кабар жазып жүрчү экен, кадимкидей калем акы келчү дейт. Андай-андай кездерде силерди калем акы менен эле багам – деп ата-энесине мактанып да алчу экен. А бирок өзү математик болом деп жүрүп, кийин Москванын медицина институтуна бармак болот. Тилчи болуш ойдо жок эле дейт. Ошентип жүргөн кезинде, ушу борбор тараптан го, бир адам мектепке келип калат. «Жээнбай Мукамбаев сенсиңби дейт, сен филолог бол, гезитке кабар жазат турбайсыңбы, жазуучу болосуң» – деп айтат. Көрсө, а кишинин өзү да ушу жазуу тарабындагылардан го, анысын билген мугалимдер Жээнбайдын жазып жүргөнүн айтышса керек, анан ал көңүл бөлүп, баланын оюнда эмне бар, эмне жогуна карабай эле кеңешин берген окшойт. Ошондон кийин баягы Москва калат, филолог болмок болот. Болбосо ал күүлөнүп, шарты келип, жол тартса Москвага кетип калмак экен. Насип буйруп, туз тартпаган да. А бирок анын балалык кыялын бал дары ишке ашырды. Тунубуз Айнура – биолог, Айбек – физик, Нурбек болсо математик, Нурлан да физик. Улуулары аспирантураларын бүтүп, илимий ишин жактайбыз деп турушат, илимге кетишти. Кенжеси быйыл бүттү. Бу жагынан уул-кызымдан атасынын көңүлү жай эле, математика дегенине өзү жеткендей эле болду.

Математика демекчи, агайдын айрым илимий макала ларында ушул сөз ойдун чыңалган кезинде, маселенин көзү кызарып турган чагында кездешип калат. Тил илими менен математиканын жээк-жааттык жайы деле жок эле, агай деле ал илимден алыс жүргөн жан эле, табият-турпат жагынан да белги көрүнчү эмес, сөз чогултуп, сөзүн бешикке бөлөгөн киши болсо анан кайдан «математика», «математикалык тактык», «математикалык ык» деп калды экен деп калчу элем. Бир курдай сураган: «Касым Тыныстанов так илимдер менен кандай болгон экен? Математикага кандай караптыр?» – деген. Жообумдун дайыны болбосо керек, «ийе де» деп шыпшына түшүп тим болгон. Кийин-кийин агайдын көзү өткөн соң билип калсам болобу, а киши физика менен математиканы эңсегенин, ушу жагына кеткенимде ачылыш ачмак экенмин деп өкүнүчтамаша таштаганын. Анан ойлонуп калдым да, агайдын устаттары жөнүндө тил байлыгы жайында жазгандарын, арийне анын К.К. Юдахин тууралуу «Эл эмгегин эскерген киши» деген көлөм дүү очеркин кайрадан карадым. Юдахиндин лексиколог катары бир артыкчылыгы сөздүн түп-жайын математикалык ыкма менен, математикалык тактык менен чечмелей билгендиги деп көрсөтүптүр. Ал эми өзүнүн илимий ишинде болсо андай сапат арбын экен, ал тургай агай математиканы тилге алып келип, сөздүк ишин тил математикасы кылганы кызык факты болуптур.

Ээ, кокуй десе, Жээнбайдын балалыгын айта коёюн деп ойлоп, анын балдарына өтүп кеттик го. Кеп учугун алалы, ошо жаңы тиргилик болуп жүргөнүбүздө көп эле кыйналдык. Тогуз жыл бою көрүнгөн үйгө кирип, баш калкалап жашадык. Буюм-теримдин карааны жок, агайыңардын сөз чогулткан карточкаларын тиктеп, көчүп-конуп калганда ошолорду каробка-каробка кылып көтөрүп эле жүрчүбүз. Агайыңар кандидаттыгын ана-мына жактаймын деп жүргөн кез, кызыбыз жаш, басмада корректор элем, бала менен үйдө олтуруп калгам. Иштегенде деле, 70–80 сом алчумун, а Жээнбай аспирант, 60 сом алат. Не кыларыбызды билбейбиз, бирөөгө жетишпеген жайыбызды айткандан ыйбаа кылып тартынабыз, бир чети уялабыз. Бейиши болгур Бегималы Жамгырчиновго «Балдар энциклопедиясын» саттык. Ошентип жүрүп жактаган. Ишин силер деле билесиңер го, филология факультетинде 10 жылдай декан болду, андан мурда кафедра башчысы болуп да жүрдү, окуу китептерин жазды, а бирок анын илимге деген кумары эл менен бирге болчу. Түндүк- түштүк кыргыздар тургай өзбек жериндеги кыргыздарга чейин барган. Памир кыргыздарын болсо Көлдөгү туугандарындай эле көрчү. Ошо окууну бүтөр менен Каратегинге барып, алты ай мугалим болуп жүргөнүн айтып, Юнусалиевдер чакырбаганда жүрө бермекмин, жарым жылдын ичинде эле бир мүшөк акчалуу болуп калгам деп тыйын-тыпыр жогунда шыпшынып калчу. Кийин отпуска дегенди билбей иштеди, окуу жайынын иши деп жүрүп, докторантурага барган жок, чолосун тийгизбеди.

Фольклордук практикага чыгабыз деп калганда эле түштүктүн кайсы бир жактарын айтып, элинин каада-салтынан кеп салып, ал жердин билген ыр-жомогун айтып, өзүнөн өзү ачылып, өзүнөн өзү жазылып калчу адаты бар эле, ыйманы жолдош болгурдун. Кайда баратканын ошо чечекейи чечилип, көмөкөйү көбүрүп сүйлөг өнүнөн эле билчүмүн. Кандай толкуп-кубанып кетсе, ошондой күйүп-жанып сүйүнүп келчү. Жергеталга барбай калса бук болуп, туулган жерин сагынгандай болчу. 1969-жылы го, мен да бардым. Агайыңарды аердегилер да агай дешет экен, улуулары: «Аа, өзүбүздүн сөз жыйнаган, жомок уккан балабыз келген тура» – деп, тааныбаганы жок. Ызаатсыйы төрүнө төлдөп көбөйгөн, меймандосчул элди көргөн эмесмин. Колмо-кол конок кылып, бир күндө эки-үч жерде болобуз. Үймө-үй конок болдук окшойт, а Жээнбайдын иши ошо дасторкондун четинде, ат жалында эле бүтүп жатты. Таң калчумун, мен эмес жолдошторунун баары эле келген сайын: «Жээнбай сен уктабай эле карточка жаза бересиң», – дешип таңыркай беришчү. Көрсө, эл чогулганда даам сызышып, өткөн-кеткен окуядан кеп салышканда агайыңардын тегирмен ташы айланчу экен. Көз айнеги көзүндө, дил кумары тигилердин сөзүндө болуп, улуу-кичүү алдында тактап-тескеп жүрчү тура. Мунун ишине биз анча деле маани бербегенибиз менен, Жээнбайдын иши деп билгенибиз менен эл буга аябай куштар тигет экен, баланчадан дагы бир жолу сурайлы, жөн-жайын билген жан эле деп, сөз билгенине жол коюп, атайы аны чакыртып, кулак төшөп кумардан канып, куш эс алыш кылгандары да бир сонун. Мындайда чын эле ышкың күчөп, айтылган сөздүн таржымалын, элдик каада-салт жайын, ыр-жомоктун кызыгына берилип, Мукамбаев болуп кетет экенсиң. Ошондо түшүндүм, практика дегенде ачылган күндөй жадырап, кызыл чоктой чачырап, кыялы козголуп, көзүнүн чарасы толуп калганын. Кумар тура, илимдин кумары экен да, эл аралап сөз издеп, ыр кубалап ой безеп алганда кумары тарап, кусалыгы басылып калчу экен деп. Памирди айтсаң, Памирдеги элди эсине салсаң токтоло калып: «Ээ, аны айтканга түн жетер бекен да, барганга күн келер бекен»,– дечү эле. Ошо күндөр дале болсо эсимде, андайда сөз эле жазыла бербейт да, ыр-күү, жомок-күлкү тең болот, сөз мааниси аларга жараша ачылып, өнөргө жараша өзгөрүп-өсүп турарын айтышат. Андай-андай кездерде үйдүн ичи шаң болуп, эшик аппак таң болуп кетет, уктабай калдым, көзүм жумулуп баратат деген сөз жүргөн жерге жолобойт. Иш билги аялдын демдеген памил чайындай, күржайлоонун төрүн көргөн байбиченин сары майындай болгон турмуш эртеси да башталат.

Мүнөзү кызык жан эле, бир нерсеге капа болуп, бирөөгө катуу сөз айтып, назарын жерге түшүрүп койгону эсимде жок. Чыр-чатактан каралыгына тарткан ишке жолочу эмес, кызмат жагынанбы, эмгегинен уламбы, айтор, шагы сынган сөз укса, кападар кылган кеп болсо аны айтылган жерге калтырчу, өзүнө өмүр шерик жанжолдош кылып алганын байкабадым. Андай кыйын кезеңдер, көңүл жубаткан сөзгө зар кылган учурлар көп эле болду, ал деле пенденин көргөнү, кудайдын бергени менен жашады. Иштегенде баш көтөрчү эмес, уруш-талаш, жаманжакшы сөзүңдү айт, ага баары бир эле. Өзүнөн башканы сезип-туюп койчу эмес, карточкаларын аңтарып, сөздүгүн иштеп олтура берчү. Анан адам болгон соң ачууң келет да, андай-мындай дейсиң, ошондой-ошондой кезде артына жалт карап койчу. Мунусу абалды билгени, баягы менин ачуумдун чындап келгенин туйганы, эмне болуп кетти, эсен-сообузбу дегени.

Ошондой-ошондой учур болгондо жанагинтип бир караган соң, унутканы табылгандай шашылыш кийинип калчу. Кагаз-кугазын ырастап, анан төш чөнтөгүнө тапса ручкасын, таппаса колго илинген калемин сала коюп, кээде учталбаганын деле салып алчу: «Ие, Мадина, мен жумушка кеттим, убакыт болуп калыптыр, тез эле келем»,– деп дем алыш күн болсо да кетип калчу. Кээде колуна тигил сөздүгүнүн кол жазмасы салынган күрөң чоң сумкасын, кээде кагаз папкасын алып, чогулушка бараткансып кетчү. Адегенде ичимден аябай күлчүмүн, а бирок аны сыртка чыгармай жок. Анча-мынча ачууң келгенде же чаалыгып-чарчап, бир жериң ооруп турганда күтүүсүз жерден күлгөндөй дарым жок го дейм. Заматта куландан соо, куштан сергек, суудан таза болосуң да каласың. Кээде дем алыш күн тургай майрам болсо да ошентчү, ойлоп тапкан жалгыз шылтоосу ошол болчу, карбаластап жөнөп калчу. Майрам же дем алыш күн экенин айтып күлүп жиберсең, костюмунун же көйнөгүнүн төш чөнтөгүн сыйпалай, уурулугун же калп айтканын карматып койгон баладай болуп күлмүңдөп: «Анан эмне эле» – деп кайсалактап калчу. «Жөн эле» – десем, анда ырас болбодубу дегенсип, издеген жогун тапкансып кайрадан кагазын жайып, көңүл жай олтуруп алчу. Тээ мурда ошентип күлүп калчумун, кийин антпей калгам, чоң эле кишинин көз көрүнөө жанагинткени, жаш баладай күлүң эткени менен шагы сынгандай болгону жаман көрүнчү. Тамаша-жоругуң менен куруп кал аа дечүмүн. Атайы эле күлкүм келсе да, келбесе да күлчү эмесмин, дем алыш тургай жаңы жыл болсо да ичимде болчу. Балдар да ушинтчү. Өзү да бала, менин кабак-кашым бүркөлгөндөгүсүн билгени ошол. Билгенин билгенден кийин менин деле кабагым түшпөй калган. Бала мүнөз кишиде не жазык…

Эсиме бир окуя кылт этти. 1989-жалдын баш ченинде агайдын жакын санаалаш кесиптештери: бири а кишинин көптөн бери чогуу иштешкен жолдошу А. Иманов, экинчиси окуучусу, сырдана шакирттеринин бири Б. Усубалиев «КМга» келген. Агайдын 60ка толгонун айтышып, «Жок издеген адам» деген макала беришкен. Анда мындай жазылганы бар: «…Ошентсе да Жекем балалык баёолугунан ажырай албай, кээде дем алыш күндү, кээде 8-Март күнүн да сабак берген күн катары журналга толтуруп коюп, бирин бырс күлдүрүп, бирин ачуулантып, жанын сабап иштегени иштеген».

Эжени карадым: «Кызык киши болчу» – деп дагы эле сүйлөп жатат, кубанып алыптыр, анан менин жүзүмө да күлкүнүн чогуу түшкөндөй болду, эжени токтотуп албайын деп эжеге ичимден күлүп, ичимден сүйүнүп, агай ым кайра тирилип арабызда тургандай болуп кубандым.

Кайгыга жолдош болгондун кубанычы башында деген чын болду. Сөздүгүнүн тегерегиндеги талаш-тартыш, жакшы-жаман кеп-сөздөр акыры жыйынтыкталды белем, диалектилик сөздүгүнүн 1-тому 1972-жылы жарык көрдү. Билген-туйган адамга кубангандай, мээнетинин дөөлөтүнө жеткендей жүрдү. Билбегенге өзгөрүү жок, издегени баягыл сөз. Ошентип жүрүп чындык издеген чырга жолугат болду. Жарык көргөн 1-томуна басма сөздө талкуу болду, «Советская Киргизия» гезитине Э. Абдулдаевдин макаласы чыкты. Кыргызга орусча айтпаса түшүнбөйт дешкен го, анан ары кетип, бери кетип олтуруп, кайрадан карап, кайрадан иштеп, идеялык-саясий каталарын оңдомокко өттү. Кыргыз сөзүндө да идеялык-саясий ката болорун, кыргыз баласы башкалардан кемерин мойнуна салып кечирим сурарын мен ошондо түшүндүм. Билгеним эле бу болчу, кайсы бир туюнтмасын түшүндүргөндө бир сабак ырды мисалга келтирген, анда Шабдан деген адам аты бар эле, ал Жантайдын Шабданыбы же башканыкыбы белгисиз. Ошондон кийин сөз укту. Ушуну алып эле салсаңчы, мунуң кайсыл Шабдан деп да жүрүшпөсүн дегем, болгон эмес. Кийин билип жүрбөймүнбү, куду Касымдын мисалындай кармалган экен. Азыр Тыныстанов эле Тыныстанов деп жатабыз, ошо 70-жылдары а киши жашап, иштеп калганда 30-жылдардагыдай эле болмок. Ою курчтун тагдыры та таал, иши менен сөзү элдик болгондун турмушу катаал кез эле. Үңкүйүп кайра үстөл үстүн тиктеди. Жакын жоро-жолдоштору деле мындайда азайып калат экен, тыным албай «Жеке, Жеке» дегендердин көбү жоголду. Кыйышпас достору турду, тагдырың ташка урунса, тааныш-тууган тандалат экен. Мындайда аялдар эсепчи келет эмеспи, абалдын кандай болгонун, кимдин ким экенин бат эле баамдадым. А өзү болсо жанталашып жүрүп тапкан сөзүнүн, чечмелеп берген кебинин азабын тартып, алардын ар бирин «душманындай» карап, «саясий ката» издеп, аткан таңы баткан күн болуп, жылдыз санап олтурду. Теңир турат го, тааныш-тууган тайсалдаган күндөрдө ар кандай сөз оор тиет экен. Андай кезде жүрөктүн какшаганын, көңүлдүн сыздаганын дары-дармек баспай калат, көңүлдөн чыккан жылуу сөз басат. Ошондо ушу Токтосун Ахматов гана Жекесин жеңден тартып, көзүн карап, көңүлүн көтөрүп, дем-кубат болду. Баса, Константин Кузьмич Юдахин айткан экен ошондо: «Жээнбай, капаланбагын, кыргыз үчүн, кыргыз сөзү үчүн кыргыздан же башкадан кыргыз кечирим сураса, мунун өзү жакшылык. Ал эми кыргыз жеринде төрөлб өгөндөр да кыргыз сөзү үчүн, кыргыз үчүн кыргыздан да, башкасынан да кечирим сураган. Кечирим сура десе сурай бер, андан эч нерсе жоготпойсуң, асылгандарга теңелбе», – деп. Ошондой болду, партиянын катарынан чыгарылды, партиялык басма сөздөн кечирим сурады, калпыстыктар оңдолду, көзүм ачылды деп жазып чыкты. Жазмак беле, жүрөгү болкулдап, бүткөн бою солкулдап жүрсө ага даамакпы, кырдаал, шарт, акыркы айла ошого жетеледи. Мезгил бийлигине макул деди. Оңдолгон, тазаланган биринчи томдук 1974-жылы жарык көрдү да, ошо бойдон иш токтоду. Ал томдук «А» тамгадан «К» тамгага чейин камтыган эле, андан кийин да буга толуктоолор, тактоолор кошулду.

Бар байлыгым – сөздүгүм дечү. Байлыгы калып, өзү жок, байлыгын байлык деп билгендер бар да, ага кызыккандар жок. Университеттин кафедрасынан талкууланган, басууга чечим чыккан, адис окумуштуулар тарабынан рецензияланган, редакторлонгон. А бирок үйдө, өзү таспиеттеп, өзү даярдаган боюнча машинкага басылып томтом болуп күрөң чоң сумкасында турат. Буларды Жээнбай өмүр бою тыным албай тытынып жүрүп чогултса, анын бир убайын, бир жакшылыгын көрбөй кетти, а булар болсо эми ошол жыйнап койгон адамын издеп, ботодой боздоп зарыгып, карып үнүн сала берип карыгып, тагдыркүнгө таарынып сумкада жатат. Айрымдар сурап окушат, айрымдар көрүп эле окугандан коркушат, көп экени көп дечи, ошентсе да бир ылаажы табылар деп барчу жерлерге барып, айтчу сөздү айтып жатабыз. Тешик табылаар, тешиктен тунук суу агаар деп турабыз.

Сөздүк жолго аттанууга даярдалган боюнча турат. Бул жөнүндө агайдын кесиптештери, устат-шакирттери, билген адамдар арасында сөздөр көп. Айрым маалыматтарда 100 басма табактай деп да айтылат. А сөздүктүн машинкага басылып, кафедра тарабынан, рецензент жагынан жактырылгандан кийинкиси 2638 бет, 120 басма табак. Албетте, сөздүктө өйдө-төмөндүк болот, 120 болбосо, 110 же 100 болор, кеп анда эмес, кеп жамгыр ордуна таш жааган тагдырга да карабай, кечирим сура десе сөздүгүм үчүн барайын деп өзүнүн «жамандыгын» мойнуна алып жандалбас болгон окумуштуунун эмгегинин даяр экендигинде. Жамандыгын. Кайсы жамандыгын?.. 1979-жылы агайдын 50 жылдыгы экен, ушу Б. Усубалиевдин «Булак» деген макаласын «Ленинчил жашка» берип калдык, чыгаарында негедир макала токтотулду. Авторун чакырдык, жагдайды редактор түшүндүрдү, бу кишинин баягы сөздүгүнөн улам го деди. Партиялык уюмдан, деканаттан кат дешкен экен, автор мөөрү басылган, колдору коюлган орусча кагаз апкелген. Ошондон соң басуу га уруксат болгон. Мен муну макаланы иштеген, жарактуу деп кол койгон адам катары алигүнчө эстей берем.

Сөздүктүн жайы өзүнчө, а кишиде канча-канча эскерүү, тил, маданият, эл тарыхы, салт-санаасы жаатындагы макалалар бар эле. А кишиде канча-канча эл жомоктору, улама кептери, ыр, дастандары бар эле. Алардын баары илимпоз Жээнбай Мукамбаевдин эмгеги катары элине жетиши абзел. А алардын көчүн сөздүк баштаары, ал кагаз ишине эмес, эл кенчине, жаш муундардын келечегине мамиле кылынгандай деңгээлде чечилиши талап. Ушундай ойлор менен олтуруп эжеден: «Агай Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтуна неге кетип калды эле? Университет кандай карады, балким, профессор деген орун чакырып туруп алгандыр?» – деп сурадык.

Ооба, ошо кыз-келиндер институтуна бармак болуп калды. «Барайын, ал жер деле университеттей эле жер. Рахат Ачилова да мени жакшы тааныйт эмеспи, өзү баарлашты, ниетим түзөлүп калды, макулдугумду берип койдум. Кыз кишиге кайра жок дегенде осол болор»,– деди. Бирок ошо күндөрү эмнегедир эле жерге-сууга батпай, кызыкча болуп жүрдү. Өмүр бою бир жерде, университетте иштесе, үйүндөй болгон жерден кетип атам дегени го, кетпей жатып эле оңкулдап атат кейиптенет дегем. Көрсө, Жээнбай кете бергенге чындап киришиптир, ректорлор бир жакка кеткенде документ даярдаптыр. Анан мүнөздөмөнү да башка жакка деп жаап-жашырып алыптыр.

– Ооба, аны мен кийин Үсөнбек Асаналиев агайдан сурабадымбы,– деди Бейшебай Усубалиев. Эже экөөбүздү аңгеме-дүкөнгө салган ошол. – Сурасам билбейм,– дейт. Кантип билбейсиз, тиги мүнөздөмөсүнө кафедра башчысы катары сиз да кол койгон турбайсызбы десем, айтты: «Ой, Бейшебай, аны деген бизге тиги Жаратылышты сүйүүчүлөр коомуна деген, ошого мүчө эмеспи, мүнөздөмө керек экен дегенинен кол койгом, даяр мүнөздөмө экен, жакшы жазылган болчу, анын кетерин кайдан билгем»,– деди. Жазгырып кетиптир да, агайды антет деп ким ойлосун, капырай. Мен деле ойломок эмесмин, күтпөйсүң да. А мүнөздөмө болсо Кыз-келиндер институтуна өтөт, Үсөнбек Асаналиев агай болсо кол койгон боюнча кала бе рет, – деп күлдү.

Агайдын бу жоругуна Бейшебай эмнегедир кубанып, ыраазы болгондой сүйлөдү. Күтүлбөгөн иш дечи, а бирок анда агайды жалгыздык колдон жетелеп жүргөн жок бекен?..

Институттун илимий советинен чечими чыгат, профессорлукка бир добуштан кабыл алат. Ошондогулар айтышты, айрымдар профессорубузду билбейт экенбиз, көрүнүп койсунчу дешкенде Рахат Ачилова да айтып калды дейт элге көрүнүп коюңуз деп. А эл болсо адат боюнча эле алдыңкы катарга моюн созушуп, кай жерден турар экен дешиптир. Анан алар дуу боло эшик жакты, залдын артын карашыптыр, Жергетал жерин кыдырып келип түз эле залга кире калган кейиптенип ордунан туруп, ыракматын айтып, ыраазылык билдириптир баш ийкеп. Колун кармап, куттук сөз да айталбай калдык, жыйын бүтөрү менен эле эшиктин жанында олтурган неме чуркап кетип калганбы, таппай калдык дешти. Ошо документ топтоп, барсамбы деген оюн багып жүргөндө капа болду, өткөн-кеткенди айтып, тынч алалбай жүрдү. Эки ортодо түйшөлдү көрүнөт ачык айтсам кантет дегенби, айтор, тыягын да, биягын да кыялбады өңдөндү. Бүт баары бүткөн соң, анан айтты ишине, ары кеткендер да, бери кеткендер да болсо керек.

Ушундай экен… Агайды профессорлук койнун ачып, кол булгап чакырбаган шекилди. Анан эмне?…Таарынычпы?.. Жок! Мунун баары дилинде болсо болгондур, а бирок агайды жалгыздык жандап, жалгыздык бийлей баштаган. Жалгыздык болгондо да күтүлбөгөн, мезгил-күнү келе элек жалгыздык эле. Аны мен кийин сездим. Кетем деп жүргөн кези экен, анысын айтпайт да, болгону филология факультети жөнүндө сүйлөшүп калганда: «Азыр ал агайларыңдын көбү жок. Эскилерден ким калды? Көбү бар, ошентсе да көбү жок. Б. Маленов, С. Давлетов агайларың эрте өтүп кетишти. Т. Ахматов болсо Академияга, А. Иманов Пржевальскиге кетти. Үчөө-төртөө башка институттарга деп турушат, кеткени да бар. Тилчилерден аз эле калдык, жаштар толуктап жатат, бу жакшы. Ушинтип олтуруп бир убакта жалгыз калчудаймын, азыр деле жалгыз калгандай боло баштадым» деген. Чын-чынында, илимий даража наам жагынан да, К. Тыныстановдон башталган, К. Юдахин, К. Кар асаев, Б. Юнусалиев өңдүү чыгаан тилчилер тарабынан өнүктүрүлгөн кыргыз лексикологиясы, диалектологиясы, сөздүк иши жагынан да агайдын чачы агарганы менен көңүл-ою, иши агарган эмес. Көп иштеген, бирок ал көп санаа, арбын убайым жеген өмүрү да, иши да убагында бааланбай басмырланган. Акыркы үмүт-тилеги жалгыздык мээриминде калган. Болбосо кайра куруу деп кан-какшап жаткан мезгилде бирибиз анын эмгегин айтып чыктыкпы. Байкалбаган өмүр, басырынган тагдыр көрүнгөн жок. А кишинин тилеги элде, коомчулукта болчу, өмүр бою жутунбаган адам бу жолу да жутунганга даай алган эмес!..

Ошентип профессор болуп иштеп жүргөн. Бир күнү эле ооруп калды, кежигем уюгансыйт, тырышкансыйт деди. Доктурга барган, алтын ийне дегенин алып жүргөн. Мен Стрельникова айылында элем, алтын ийнесин алып а дагы шаардан келип калды, адатынча гезит алып, көчөдөн гезит окуп келатат дешкен, үйгө келип да карамыгып окуду, жатып алып. Гезит бетине жабылып, уктап кетиптир, ары-бери болгондо гезити эле шылдырайт. Мен эртеңки сабакка даярданып жаткам, коңурук да тарткандай болот. Шылдыратпачы деп түрттүм, ойгонду. Уктаптырмынбы, – деди, – уктаптырсың, – дедим. Коңурук деле тартчу эмес. Сыртка чыгып келди. «Чыйрыктым, төшөк салып бер, жатайын»,– деди. Эрте эле болчу, кечки саат 9 чен. Ары карап жаткан экен, дагы коңурук тартты, түрткүлөсөм көзүн ачты эле: «Коңурук тартып жатасың, сага эмне болгон» – дедим. «Тартып жатамбы»,– деди да анан жарыкты өчүрчү деди. Ошол бойдон кайра көөшүп кеткендей болду. Аялдабай дагы коңурук тартты. «Жээнбай, оң жамбашың менен жатчы, коңурук тартып жатасың, жаман жатып калган окшойсуң»,– деп колун силкилдеттим. Сезип койбойт, колун бери кылдым, анан башын бери бурдум эле… уктаганы го уктап эле жаткандай, а бирок оозунан шилекей аралаш кан чыгып калыптыр. Чочуп кеттим, жүрөгүн басып массаж жасадым, жаман жатып кыйналган го дедим. Муздак сууга, көчөдөгү суу чоргого чуркадым. Тызылдап барып, тызылдап кайра келгем го, эч нерсе билбейм. «Жээнбай эле, Жээнбай» – деп кыйкырдым, үн да, сөз да, кыймыл да жок. Ок болуп сыртка чуркадым, бет маңдайыбыздагы тууганыбыз бешик той берип жаткан, Шаршенбай деп бакырдым. Аердегилердин баары келди, молдосу да, башкасы да чогулду. Доктурлар да келген. Ыйлагандан башкага кайдан жарайын. «Азыр, азыр» – дешет. Мен аларга: «Ийне сайбайсыңарбы, тилден калып баратат»,– десем деле унчугушпайт. Силердин алыңар жетпесе борборго жеткиргиле, өзүм көргөзөм дедим да, шаарга алып жөнөдүк. Ага-тууган, тааныштын көбү биз менен келди. «Тез жардамы» да даяр экен, ошолор айтты, иштин болгонун. Тиги айылдан эле, мен ойготом дегендин алдында эле үзүлүп кетиптир. Андагылар менден айбыгып, эл чогулсун, аяк-башыбызды жыялы дешкен тура.

Жүрөгүнүн тушу ченде бармак басым кара так пайда болду. Жанагысы коңурук эмес кыркыроо дегени тура. Жалгыз жанын ката албай, өзүнөн өзү ала качып бу жакка келген тура, Мадинанын маңдайына барайын деп шашкан экен да. Кара көзүм кашайып кара жаш менен алышып, кара түн башка келгенин билбептирмин да. Төбөсү – жайлоо, төшү – кыштоо болбогон өмүр ошентип өтүп кетиптир. Үй ичи толо ый болуп турду. Жамандыкты угузгандан тозок жок, жаман кабар кара кулак шерди да кара таш кылып катырат, чыккан үнүн чыкпас кылып батырат, ошондо дал ушундай болдум. Дене-бойго муз каарын сала чыйрыктырган ошол күн азыр да жанды сууруп алчудай болуп сай-сөөгүмдү сыздатып, чучугумду кашайтат. Жакшынын өмүрү кыска, акылы узун деген ушу го деп кээде өзүмдү өзүм сооротчу болдум, ошондон бери өмүрдүн көбүн агайыңарды эстеп коротчу болдум. А мезгил дегениң атылган ок, артына кылча йып койбой өтүүдө.

Самсак СТАНАЛИЕВ

About the author

Жазуучулар Союзу