Томдук

Кыргыздар 25-том Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев

КЫРГЫЗДАР

Кырк  томдук

25-ТОМ

Кенже эпостор

Түзгөндөр:  Кеңеш ЖУСУПОВ, Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Томдукта кыргыз элинин оозеки адабиятынын берметтеринен болгон кенже эпостору камтылды. Алар элибиздин эң байыркы доорлорундагы табият менен алака мамилелерин камтыган «Кожожаш», «Эр Төштүк» эпосторунан берки соңку доорлордогу турмушун жана күрөштөрүн чагылдырган эпосторго чейин орун алды.

БАШ СӨЗ

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы формасы жагынан да, мазмуну жагынан да, көлөмү жагынан да таң каларлык бай жана элдин түгөнгүс кенчи. Көлөмүнүн чоңдугу, мазмунунун байлыгы жагынан дүйнө элдеринин байыркы мурастарынан бөтөнчө айырмаланган «Манас» эпосу да нак ырдан түзүлүп, оозеки түрүндө жашап келген. Элдин кылымдар бою башынан өткөргөн нечен түрдүү кайгысы менен кубанычы, тынчтык турмушу менен жоокерчилик күндөрү, эмгектин жыргалы жана душмандардан көргөн кордугу жөнүндө баяндарды эл кара сөз жана ыр түрүндө оозеки мурас катары кылымдан кылымга калтырып келген. Колуңуздардагы китепке кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгындагы көркөм мурастардын ириси болгон кенже эпостор киргизилди.

Композициялык түзүлүшүнө жана окуяларынын кеңири берилишине карай кыргыз эпосторун эки топко – чоң (улуу) эпос жана кичи (кенже) эпос деп берүүгө болот. Кенже эпосторубуз «Кедейкан», «Эр Төштүк», «Эр Табылды», «Саринжи-Бөкөй», «Курманбек», «Жаңыл Мырза», «Кожожаш» жана «Олжобай менен Кишимжан» сыяктуу эпостор. Чоң (улуу) эпоско үч бөлүмдүү (трилогия) «Манас» жомогу кирет. Эл ичинен чыккан сөзгө чебер, ырга шыктуу таланттар аларды бүт дээрлик ырга айланткан.

Адабиятчы А. Обозканов: «Аталган поэмалар жана эпостор боюнча саресеп салып олтуруп, кыргыз элинин төкмө акындарын жөнөкөй айтуучу гана эмес, элдик чыгармага экинчи өмүр берген жаратуучулар деп да айтсак болот. Анткени булар бир кезде эл ичинде кара сөз түрүндө айтылып жүргөн. Аларды акындар ырчылык талантынын сыйкырдуу күчү менен ырга айландырган. Экинчиден, акындар жалаң эпосторду гана эмес, эл ичинде айтылып жүргөн жөө жомокторду ырга айландыруу менен, анын идеялык мазмунун, көркөмдүк күчүн, образдарын көп жагынан чыйратып, кайра иштеп чыгышкан. Мына ошондуктан аларды эл чыгармаларынын негизинде өз вариантын түзгөн жаратуучулар деп атасак болот», – деп таамай жазып кеткен.

Бул экинчи томго кирген ар бир эпостун кимдин варианты боюнча берилгени так көрсөтүлдү. Китепке көпчүлүк эпостор Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан «Эл адабияты» сериясынан чыгарылган жана түзүлгөн кенже эпосторго жазылган Б. Кебекованын, А. Жайнакованын, А. Акматалиевдин баш сөздөрүнө таянып, татыктуу деп табылган варианттар тандалып алынды. Эл арасына кеңири тараган «Курманбек», «Эр Төштүк», «Жаныш-Байыш», «Олжобай менен Кишимжан», «Кедейкан», «Ак Мөөр» сыяктуу кээ бир эпостор толугу менен, кыскартылбастан берилди. Ал эми айрым эпостор мектеп программасына жана жалпы окурмандарга ылайыкташтырылып, анын сюжеттик өзөгү сакталып, айрым жерлери кара сөзгө айландырылып кыскартылып, антологиянын талаптарына ылайыкталып берилди.

С. Каралаевдин варианты боюнча «Эр Төштүк» эпосу «Сырттан Төштүк» деп аталат. Бул эпостун толук вариантын китепке сунуштаган филология илимдеринин кандидаты, профессор С. Кайыповго ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошондой эле С. Кайыповдун: «Элдик оозеки чыгармачылык кол тийгис, ыйык саптар менен жазылган. Аны антологияга айландырууда эпостордон алынган ыр курулуштары эч өзгөртүлбөстөн берилиши керек. Ал эми кыскартылып, кара сөзгө айландырып берүүдөгү айрым кыскартуулар антологиянын талабына туура келет» деген баалуу пикири бул китептин туура багытта кетишине жол ачып берди.

Акырында айтарыбыз, түрк элдеринде жашап жүргөн айтылуу «Миң бир түндөдү» Шахрезаданын жомогундай болгон кенже эпосторду Калык Акиевге окшогон акындарыбыз төкмө, айтуучу, жаратуучу катары дагы жана элдик чыгарманы өз калеми менен кыргыз адабиятына жазып калтырганы менен дагы чоң эмгек жасашкан. Алардын калеминин дараметинин күчтүүлүгүнөн ырга айланып, эл оозундагы уламыш, жомок болбой, кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгындагы бирден-бир дастан, элдик поэмага айланып, элдик оозеки чыгармачылыктын баалуу катарын толуктап калышты.

Бул антологияны чыгаруудагы кубантарлык жагы – кенже эпостор жана элдик поэмалардын басымдуу бөлүгү биринчи жолу бир китепке топтоштурулуп, ага кызыккан окурмандардын бир жерден таанышып чыгуусуна мүмкүндүк түзүп бергендигинде.

Демек, бул антологияга мектеп программасынын талаптарына ылайык жана жалпы элге кеңири белгилүү болгон жогорудагы аталыштагы эпостор жана айрым элдик поэмалар камтылды.

Түзүүчүлөр

КОЖОЖАШ

(С. Конокбаевдин варианты)

Кожожаш кыргыз ичинде кытай уруусунан чыгат. Атасынын аты Арыпбай, энесинин аты Акеркеч экен. Кожожаш дүйнөдө жок мерген болгон экен.

Жаш убагы

Бир жашарда билинген, Эки жашар болгондо, Эл көзүнө илинген.

Үч жашарга чыкканда, Чыгырык кармап жүгүргөн. Төрт жашында төп болгон,

Беш жашында белсенген. Алтысында атыккан, Жетисинде машыккан.

Сегизинде сергиген, Тогузунда толгонгон.

Он жашына келгенде,

Кайберен кирип түшүнө,

Анан кийин ойгонгон. Он биринде бук болгон, Он экиде жык толгон.

Он үчкө жашы келгенде, Кайберен десе бүлүнгөн.

Он төрт жашка келгенде,

Чыныгы мерген болду, – деп, Ак жөкөр мылтык колго алып, Кайберен көздөй жүгүргөн.

Он беш жашка келгенде, Каныгы* мерген болду, – деп, Калың кытай сүйүнгөн.

Мергендик

Жашында өнөр бериши,

Зорго чыккан саадагы, Жарты өгүздүн териси.

Багына чыгып бир мерген,

Ырыстуу кытай журту үчүн, Бир бут тарык батуучу мойнундагы кутусу. Багына чыккан бир мерген, Калың кытай журту үчүн.

Бендеден артык жүрүшү,

Жанындагы майлыгы Чаар өгүздүн териси.

Кыраңдан кийик көрүнсө, Кыюусун таап атуучу. Тез атары дагы бар,

Жүз атым дары батуучу.

Ан үчүн кийик шашычу. Орундуу мерген заманы, Он эки куран мойногу, Зорго чыккан таманы.

Кожожаш деген мергендин, Жалпы журттан бата алып, Ошондой экен заманы.

Тескейге чыкса жүгүрүп,

Тегеле жандан түңүлүп,

Кара бараң колго алып, Капкалап мерген жүгүрүп. Куюккансып жүгүрүп, Кулжалар жандан түңүлүп. Каныгы мерген келет – деп, Кайберен жандан түңүлүп.

Эригип калган кезинде, Эриккенсип жүгүрүп, Эликтер жандан түңүлүп. Чыккан экен Кожожаш, Калың кытай багына. Кожожаш мерген көрө албай, Кайберен токтоп тура албай. Тегизден чыгып теке аткан, Текечерин кошо аткан.

Атканын ката жибербес, Айтылуу мерген Кожожаш.

Алтын туяк, жез билек,

Алача деген бир бу жан, Бактысына туулган.

Кайберенге чыгарда, Кудайына сыйынган.

Албардуу мерген жетпеген, Адырдан кийик көрүнсө, Бирөө тирүү кетпеген. Башынан түтүн булаткан, Кайберен көрсө сулаткан.

Албардуу ишти кылдырбайт,

Аркарды көрсө жылдырбайт.

Аюуну көрсө сулатат,

Ажалдуу кийик көрүнсө, Тирүү койбой кулатат.

Каныгы мерген дедирет, Калың кытай элине, Кайберен этин жедирет.

Байкаса андай киши жок,

Калың кытай көп журту, Кожожаштын тушунда, Мал сойгон менен иши жок.

Айтылуу мерген деп турат, Калың кытай көп журту, Кайберен этин жеп турат. Каныгы мерген ошо эле,

Алган жары мергендин, Каалап алган бир керет*.

Кожожаш мерген алганы,

Зулайка Каракожо кызы эле, Кадимки керет ошо эле.

Кожожаш мерген колдогон, Азиз кайып, пир эле, Ал мергендей ким эле?

Түндө бир жатып түш көрөт, Түшүндө мүшкүл иш көрөт, Ойрон мерген үшкүрөт.

Түшүндө жатат түрдөнүп, Зулайка керет мойнунда, Керебет деген ордунда.

Ак жөкөр мылтык колго  алып,

Адырга чыгып жүгүргөн, Ага-ини, журту сүйүнгөн.

Адырдан кийик көрүнсө,

Айтылуу мерген келет, – деп, Аманат жандан түңүлгөн. Кайкыдан кийик көрүнсө, Карап жандан түңүлгөн. Каныгы мерген кетти, – деп, Калың бир кытай сүйүнгөн.

Айтылып жүргөн ураандан, Адырдан көрсө эчкини, Алдын тосуп чуркаган.

Асемине адам жетпеген, Ажалдуу неме кетпеген.

Андан бир мерген өтпөгөн. Аманат жанын кыйналткан, Аюуну көрсө ыйлаткан. Белгилүү жөкөр майлаган, Бет алганын жайлаган. Жүдөбөй мерген басты эле, Бөпөсүн таап атты эле.

Мал сойгон менен иши жок,

Калың кытай көп журту,

Мергендин аманын тилеп жатты эле, Алганы Зулай көрөт күң, Айтылуу керет болду эле. Аттанып чыккан Кожожаш, Атканы санга толду эле.

Караган бенде таң калат,

Каныгы мерген ишине, Кайберен кирет түшүнө.

Түндөгү жаткан түшүндө, Атамын деп түрдөнүп, Айтылуу мерген күүлөнүп. Алабаш атып кулатат, Зоока таш ылдый кулатат.

Алабаш атып алганда,

Көңүлүнө кош убак,

Мергениң келе калганда,

Кожожаштын түшү жана миң улактуу эчки түш

Мергендин аткан кийигинин саны жүз миңге толгон экен. Зулайканы алып, андай кийик атпай, Зулайкадан чыкпай, эл-журту «кайберендин этин сагындык» дегени менен барбай, калың кытай журтунун тилин албай жаткан эле.

Кожожаш көргөн түшүн Зулайкага айтканы

«Айтылуу мерген мен элем,

Алганым Зулай сен элең.

Түндө бир жатып түш көрдүм.

Ошону менен үч көрдүм,

Мерген, жата албас болду ордунда.

Алкынды мерген жүрөгү, Отуз улак, кырк чебич Жуушоондо жүрөдү. Буулугуп жаткан мерген кул, Мурутунан күлөдү.

«Бу, кийикке чыгам – деп,

Бирин койбой кырам» – деп, Алланын салган ишине, Айтылуу мерген көнөдү. Көп улактын атасы,

Алабаш теке көрөдү.

Алабаш көрүп кубанып, Алладан кубат тиледи,

Көөнүнө кош убак киреди. Алабаштай текече, Жаткан жерден биледи.

Урматтуу мерген Кожожаш,

О, Зулайка, байбиче,

Шондой жакшы түш көрдүм.

Отуз улак, кырк чебич,

Алабаш атып алганда,

Көңүлүнө кош убак,

Мергениң келе калганда,

Оңду, солду чоң сака, Көң* кисеге салганда.

Үстүндөгү тай тери,

Балбанга буйрук кылады,

А, кийикти атып алган, – деп,

Кожожаш мерген кубанды.

Жуушоонун ылымын,

Буулугуп жаткан мерген кул,

Мурутумдан күлүпмүн,

Кош убак кылып жүрүпмүн.

Мен, аянбай бастым бийикти,

О, керетим, аттым бир сонун кийикти.

Ак ала зоока арасы, Миңге жеткен экен Алабаш теке баласы.

Түндөгү көргөн түшүмдө, Артылды мерген санаты.

Алабаш теке алыпмын, Мен, көп олжого батыпмын,

Кош убак болуп жатыпмын. Оңдуу, солдуу чоң сака, Көң кисеге салыпмын.

Үстүндөгү тай тери, Балбанга шым кылам, – деп, Буйрук кылып алыпмын.

Ээгиндеги чоң сакал, Сизге чылбыр кылыпмын. Көп олжого тунупмун, Кудайга шүгүрлүк кылыпмын.

Буулугуп турган кезимде, Бир кумардан чыгыпмын.

Билгич бир мерген Кожожаш,

Бирин койбой кырыпмын, Бир чуңкурга жыйыпмын.

Алабаштай текени, Ошентип кайгы кылыпмын.

Түндөгү көргөн түшүмдү, Жоруп бер жакшы ишимди.

Алабаштай текеге,

Жолуктурду кудайым, Жоруп бер, керет Зулайым!

Сен, жети алалдын бири элең, Бу түшүмдү жоруйт, – деп,

Кошубак болуп жүр элем.

Жолуккан жакшы ишимди,

Жоруп бер Зулай түшүмдү!»

Эшитип Зулай түшүнү,

Шумдуктуу түш экен – деп, Байбичеси Зулайдын, Жүрөгү жаман чочуду.

Анда бир Зулай буркурайт:

Зулайканын түш жоруганы

«Түшүңдү мага айтпа, – деп, Мергенди көздөй зыркырайт. Түндө бир жатып түш көрдүң, Түшүңдө кыйын иш көрдүң.

Чымындай жанга күч көрдүң, Кайраттуунун белгиси, Качырган жоодон каччу эмес. Кагылайын, мергеним, Катынга түшүн айтчу эмес. Асемдүүнүн белгиси, Алышкан жоодон кайтчу эмес. Андай дебей сабыр кыл, Аялга түшүн айтчу эмес. Калың кытай журтуңдан, Карыга айтсаң болбойбу? Калк бийлеген жакшыңдын, Баарына айтсаң болбойбу? Ак селде башка чалынган, Эшенге айтсаң болбойбу? Акыл менен сөз тапкан, Чеченге айтсаң болбойбу?

Түндөгү көргөн түшүңдү,

Түгөнгүр мерген, жалгызым,

Катынга айтпа түшүңдү!»

Айтасың деп болбоду,

Алганы керет Зулайдын, Алдыкийнин торгоду. «Түндө мерген түш көрдүң,

Түшүңдө кыйын иш көрдүң Чымын жанга күч көрдүң. Айттырбагын арманым, Бу кийикке барбагын!?

Алабаш атып алганың, Оңдуу, солдуу чоң сака, Чоң кисеге салбагын.

Менин көп болот арманым. Балалык менен байкабай, Качып кылган жаңжалың.

Ээгиндеги сакалды,

Зулайкага чылбыр кылганың, Менин, кандай болот жыргалым!

Мергеним, капа салбагын, Түндө болот экен жаңжалың.

Отуз улак, кырк чебич, Бу кийикке барбагын!

Айттырбагын арманым!

Алабаш атып албагын,

Мерген, артык болот жаңжалың.

Түшүн аксакалга жорутканы

«Аксакал кутман карыңар, Аңдагын сөздү баарыңар. Асемдүү мерген Кожожаш, Түндө жатып түш көрдү.

Алда таала жараткан,

Барар болду мергениң, Алабашты атмакка,

Сыйынды мерген арбакка.

Жараткан тилек берер, – деп,

Дем байлады Кожожаш,

Миң улактуу эчки жана Кожожаш

Мерген түш көргөн күнү миң улактын энеси Суречки да түш көрдү.

Аманат жандан түңүлдү. Суречки Алабаш текеге жалынып төмөндөгү сөздөрдү айтты:

Артык болгон мергени, Түндө, атып жүргөн экенмин Алабаштай текени. Ошо түшүм кандай түш,

Аксакалдар жоручу? Силерге келип түш айткан, Айтылуу мерген болуучу».

Анда, аксакалдар кеп айтат: «Алабаш деген бу теке,

Анык сонун, – деп айтат.

Алда дүйнө бекерсиң, Атып келет экенсиң.

Көп олжого чырагым,

Батып келет экенсиң!»

Алабаш атып келем, – деп.

Барам, – деди түрдөнүп, Бактуу мерген түрдөнүп.

Ойлоду мерген бармакка,

Сыйынып туруп арбакка.

Алабаштай текеге, Айтайын деп жүгүрүп:

«Алабаш текем сен элең, Айтылуу керет мен элем.

Түрдөнүп жаткан Алабаш, Мен, түшүм айтпай жарабас.

Чыйырчыктын Кызыл-Таш, Жейрен аяк Кожожаш.

Тилегин кудай бериптир, Тиктегенин жибербес, Ошо мерген келиптир.

Артыкча кордук кылыптыр, Көп улагым кырыптыр, Бизди кудай уруптур.

Кыпча белдүү улакты, Темтеңдетип бастырып, Кетелик орун жаздырып. Капа болом Алабаш, Мергенге койбо аттырып. Оро-Койчуга оттойлу, Сура-Койчуга дуулайлы. Алтын маша суулайлы, Бул жерде несин куурайлы. Кел, Алабаш, кетели, Кутулар жерге жетели.

Алабаш, Куу-Чокуңдан безели!» Алабаш тилин албады,

Мерген, атамын деп чуу – деди,

Кырданып мерген жатпады, Кыдырып жүргөн жеринен, Кыйналып кийик таппады.

Асемдүү мерген жатпады, Айтып жүргөн жеринен, Асты кийик таппады. Табалбастан мергениң, Капаланып турады.

Бир кайкыга чыгады.

Көрө салып көп кийик,

Мерген, кош убак болуп турады. Ал себептен мергендин, Айтылган эле урааны.

Артык көздөп жылады, Мергендин чыккан урааны. Ай кудайлап кубанып,

Эчки: «Мергенди сак карап тур», – деп эки улагын кароол коюп, өзү карды ачып, көзүн боз чалып, оттоп кетти.

Бир кумардан чыккан соң,            Атамын деп жөнөдү.

Алабаш теке көрөдү,                     Көңүлүнө кош убак алады,

Мерген, бир кумардан чыгады.

Мергендин жакын болду, Алабашка барары.

Мергендин, арышында чара жок, Же, бир калкалаар паана жок. Медер кылар жылуу жок, Бетеге чептен бөлөк жок.

Мерген, ай кудайлап албастап, Алабашты көргөндө, Барар болду далбастап.

Жараткан жардам кылады,

Мерген, жамбаш менен жылады.

Мерген, болжолуна келеди, Алабашты көрөдү, Атар жерге келеди.

Алабашты көрөдү,

Айтылуу мерген өткөнсүң, Алабашты көргөнсүң.

Ошондо мерген бөлүнүп, Болжолго келип сүйүнүп. Короз болот оттукту, Коюп, чагып алады.

Алабаш түрүн карады,

Атамын деп мергендин, Ойлоп турган заманы.

Мерген, атамын деп турганда, Аскада турган Куу улак, Мергендин түрүн карады. Ошо мергенди көргөн соң, Улактын ыйлап турганы. Көзүнүн жашы булады, Куу улак, апакелеп ыйлады. «Апакем кыйноо көрүптүр, Айтылуу мерген келиптир.

Атакем шордуу өлүптүр,

Эрте жадал* жүгүргүн, Жүгүрбөсөм амал жок, Атакемден түңүлдүм».

Аны андай салып өкүнүп, Аскага чыкты секирип.

Алдындагы мергенди,

Андайга сал деп буркурап, Алабаш деп зыркырап, Айтты бир Эчки чыркырап. Айтканыма болбодуң, Алабаш текем оңбодуң. Алдында жатат мергениң, Ошо бир Текей өлгөнүң.

Баш тарттырдым өзүмдү, Баламдан ыраат көрбөдүм».

Айтып оозун жыйгыча,

Алабаш теке тургуча,

Милтеден огу жылт этип,

Кулактан дары бурк этип, Алабаш теке тырп этип, Аскадан түштү кылт этип.

Башынан түтүн булатты, Алабашты сулатты,

Аска таш ылдый кулатты.

Суречкини ыйлатты.

Чымын жанын кыйналтты.

Ачуу келип жүгүрдү, Көк улак качып жөнөдү, Бу, Кожожаш мерген өнөрү. Качып берди көп улак, Алдын тосуп чурады.

Канетемин деп ыйлады. Бир ордуна он атты, Онун бирдей сулатты.

Көк улагын жыга атты,

Бирин койбой кыйратты, Суречкини ыйлатты. Алабаш көздөй жүгүрүп, Соёмун деп сүйүнүп.

Анда бир Эчки чурады,

Бирөө тирүү калган жок, Суречкинин улагы.

Алабашты сойбо, – деп, Эчки бир ыйлап турады. Кожожашка жалдырап, Текесин эчки сурады:

«О, Кожожаш мергеним, Атып алдың тартынбай, Насибиңе бергениң. Алабаш теке сураймын, – деп, Мергеним, сага келгеним. Алабашты сойбогун, Ылайык тирүү койгонуң.

Аманат жаным кыйналтпа,

Алабашты бир союп,

Мени, армандуу кылып ыйлатпа!

Наркы турган бир улак, Бирин койбой союп кет,

Мергеним, Алабаш текем

коюп кет!

Капа кылба жанымды,

Таштап кеткин, мергеним,

Алабаштай жанымды!»

Айтканына болбоду,

Ачуу келип мерген кул, Алабашты сойгону.

Эчкинин башын азапка койгону, Алабаштай текени, Асты тирүү койбоду. Анда, бу Эчки зарлады, Бу мергенди каргады.

«Алабаш кунун төлөрмүн, Сенин, адебиң колго берермин.

Алда жардам кылбасын, Алганың Зулай туубасын! Биледи кудай урарын, Аска ташта турарын. Алабашты бергин, – деп, Кыйнап сурап ыйладым. Аңдай бер мерген кебимди, Сенин азгырармын элиңди.

Капа тартып карырмын, Бу Текенин жөнүнөн, Асылган мени билбедиң.

Турумдуу Теке болду эле,

Алабаштай текенин Тукуму миңге толду эле, Алабаш касиеттүү болду эле.

Сага артыкча берди мекени, Атып алдың тартынбай, Алабаштай текени.

Ажалым жетип өлөрмүн, Ажалым жетип өлбөсөм, Азабың колго берермин».

Ошондо Эчки жөнөдү, Алабаш этин артынып, Кожожаш мерген келеди.

Мергенди эчкинин азгырып алып кеткени

 

Арадан канча күн өтүп,

Мергендин көргөн түштөрү,

Эсинен чыгып кетеди.

Азгырып алып кетем, – деп, койгону,

Алабаштай текени

Асты тирүү койбоду. Анда, бу Эчки зарлады, Бу мергенди каргады.

«Алабаш кунун төлөрмүн, Сенин, адебиң колго берермин.

Алда жардам кылбасын, Алганың Зулай туубасын! Биледи кудай урарын, Аска ташта турарын. Алабашты бергин, – деп,

Эчки, көрүнбөй барды түрдөнүп. Айлына барган кези экен, Суречки кайыптын өзү экен.

Кожожаштай мергендин, Карып жанын кыйнабай, Кайып Эчки турбайбы?

Көп кытайды дуулатып, Миң түтүн кытай чуулатып.

Азгырып кетсем муну, – деп, Анда Эчки ойлоду, Ошол ишти болжоду.

Келген экен Суречки, Алабаштын зарпынан, Кайгырып келет бул Эчки. Эчки келет түрдөнүп, Арткы аягы сүйрөлүп. Карыш жерге кача албай, Эчки буттан баса албай. Көргөн адам кызыгат, Мергендин көңүлү бузулат. Азгырып кетет Эчки – деп, Анда бир Зулай ыйлады. Эчтеме менен иши жок, Кожожаш мерген турады. Бир кудайга жалдырап, Бу, Суречки ыйлады.

Зулайды кайгы кылдырды,

Мына турган мергендин,

Алганы керет Зулай күң, Мергенди кайдан жылдырды. Билими ашып турады, Бүткүл кытай куурады. Кууган менен жетпеди,

Эчки имерилип кетпеди.

Бөлөк ишти эч кылбай,

Бу мергенди жылдырбай, Зулайка багып турады. Жибербеймин деп муну, Зулай аңдып турганы.

Бүткүл кытай жете албай, Баары бирдей бүлүндү.

Мерген келбей калды, – деп, Элинен чыгып эки адам, Кожожашка жүгүрдү.

Эчтеме менен иши жок, Кожожаш мерген жатканы.

Келе атат эки адам, Эчкинин жөнүн айтканы. Капа болуп бүлүнүп, Мергенге келди жүгүрүп. Анда Зулай жалтылдап, Ыйлап турат калтылдап. «Экөөң чуркап келдиң, – деп, Эмине эле жумушуң?

Айтпагыла сөзүңдү,

Арманда кылбай өзүмдү!» Зулайдын тилин албады, Эки жигит зарлады. «Ой, мергеним, туруңуз, Менин сөзүм угуңуз.

Мени, арманда кылбай туруңуз, Айлыма келген Эчкини, Алдам бир өзү жеткирди. Миң кытай кубалап,

Атып бергин Кожожаш, Айылга келген Эчкини.

Айлына келди куу Эчки, Атып берсең Суречки, Келечелеп келиптир. Калың бир кытай дуулдап, Кууган менен жетпеди. Оо, мергеним бул Эчки, Айылыңдан кетпеди.

Жылкы ичинде Карагер, Ээрин алса кагынат.

Алтымышта Арыпбай,

Акеркечтей энеңиз, Кайберен этин сагынат.

Кагылайын, жалгызым,

Камыктырбай энеңди,

Атып берсең не кылат?»

Ошондо мерген күүлөндү, Атамын деп түрдөндү. Ачуу келип Эчкиге, Чоң чокоюн кийгени.

Орундуу мерген заманы, Он эки куран мойногу, Чокоюнун таманы. Буулугуп жаткан кезинде, Эчкинин тийди кабары. Кожожаштай мергендин, Жакын болду барары.

Барамын деп камданды,

Зулайка, барбагын деп зарлады. Зарлаган менен болбоду, Мерген, барамын деп койбоду.

Бакырып ыйлап буркурап,

Зулайка, алды-кийнини торгоду.

Чокоюн кийип чаңдатып, Барганы жатат камданып.

Барбагын деп мергенди, Колуктусу Зулайка, Ыйлап турат зарланып.

Зарлаган менен болбоду,

Өкүмдүү мерген жүгүрүп,

Зулайка, өзгөчө жандан түңүлүп. Алганы Зулай басынды, Барбагын деп асылды.

«Бу кийикке барбагын, Айттырбагын арманым.

Көтөрбөйбү бендеси, Кудуреттин салганын. Ар ишинде чала жок,

Аиланайын, жалгызым,

Кандай күнүм болот, – деп, Артыңда калган бала жок.

Эч ишинде чала жок, Эми күнүм не болот, Эркелетер бала жок?

Аңдай бер, мерген, кебимден, Кудай бардыр куу Эчки, Азгырып кетет элиңден. Кайрылып кайта келтирбес, Калың кытай элине.

Мас болду эле көп кытай, Жалгызым, сенин демиңе. Жалгызым, кайгы салбагын, Айттырбагын арманым. Арка кылып турарга, Артыңда медет калбады. Арам Эчки оңбосун, Азгырып кетсе келмек жок.

Амал күнү не болот, Бир кеткен соң мергеним, Ага-ини, журтуң көрмөк жок. Мен байкушта эрмек жок, Кетсең кайта келмек жок».

Асылган менен болбоду, Оолуккан мерген койбоду. Ордунан тура жүгүрүп,

Оолуккан мерген сүйүнүп, Ак жөкөрүн колго алды, Атамын деп ойго алды.

Артында Зулай буркурап,

Бул ишти, койсоңчу деп зыркырап.

Элирген мерген бүлүндү,

Эчкини көздөй жүгүрдү, Ошондо эли көрүп сүйүндү. Эчкини көрүп күүлөнүп,

Эриккен мерген түрдөнүп,

Атамын деп чуркады,

Мергендин, айтылып жүргөн урааны. Таалайлуу мерген Кожожаш, Тарабас болду кумары.

Мергендин түрүн көргөн соң, Азгырып кетет экем, – деп, Эчки чиркин кубанды. Бир ордунан он атты, Ондун бири тийген жок. Кереметин Эчкинин, Кожожаш мерген билген жок. Билген менен бөлүнүп, Билгич мерген жүгүрүп. Атып берет экен, – деп, Ага-ини, журту сүйүнүп.

Тартынган менен иши жок, Таалайлуу мерген чуркады.

Текенин кунун алсам, – деп, Бир кудайга жалынып, Эчки бир чиркин ыйлады. Аткан огу тийбеди, Эчкиге огу жүрбөдү. Жүрбөгөн менен мергениң, Муну байкап билбеди.

Ошондо мерген бүлүнүп, Кармаймын деп жүгүрүп.

Айтылган мерген урааны, Эчкинин жанынан чурады. Чураган менен куу Эчки, А жерде карап турабы? Бактылуу мерген Кожожаш, Талыкпастан басады. Чоң чокойдун таманы, Жүгүрсө жерге энеди.

Эчки барат сүрүлбөй

Мына турган Кожожаш, Чоң-Чычканга түшөдү. Чоң-Чычкандын ичинен, Эчки токтоп ичеди. Эчкини коюп эс алтып, Андан соң ура кубады. Артынан жүздөп чыркырап, Алганы Зулай ыйлады. Ыйлаган менен болобу,

Мерген, бир жаңсыл кылбай коёбу?

Калкынан күдөр үзөдү,

Каныгы мерген Кожожаш, Түз ашууга түшөдү.

Мына эчки шашады, Нары Каргартка түшө качады. Желди-Суу менен Кошойдун, Баарын тегиз басады. Аз күндө болсо бул кыйноо, Пешенеге бүтөдү.

Талды-Булак түшөдү, Каракол кууп киреди. Мергеним кайта келбейт, – деп, Зулайдын чыккан экен жүрөгү. Кожожаштай мергенин,

Бектигин журтка билгизбей, Меркиге кууп киргизди.

Ашмараны ашады,

Нары Кайыңдынын ичинде, Эчки барып турады. Кара-Булак, Кайыңды, Катарын тегиз басады. Кайгырганды билбеди, Кара-Балта, Ак-Сууга, Мерген кууп киреди. Эчкини кармап алсам, – деп, Ордуна келбейт жүрөгү.

Эми сөзүм кетсин жөнүнө,

Калың казак жердеген, Кууп кирди кумуна.

Жүгүргөнү билинбейт, Чокою ташка илинбейт.

Май сыйпап койгон немедей,

Мынакей Олуя-Атым ташына, Кожожаш мерген сүрүлбөй,Боор ооруну жараткан, Эчкини кармап албаса, Эчкинин аккан жашына.

Мергендин тарабас кумары.

Кожожаштын аскада калганы жана аскадан учуп өлгөнү

Муну кууп кетсем – деп, Келе жатат бул эчки.

Олуя-Атым ташына, Келген экен куу Эчки.

Кадимки Чаткал ичине,

Эчки эми келди күчүнө.

Чаткалдан чыгып куу Эчки, Жаңы келген шекилдүү, Кара кысмак ичине.

Олуя-Атым ташына,

Камайын деп турады,

Кагылайын, жараткан, Бул ишимди оңдо, – деп, Эчки бир кудайга жалынды. Жүгүргөндө куу Эчки, Баштагыдан тынымсыды. Ачуу келип Суречки, Аска ташка эргиди. Артында мерген өкүнүп, Аскага чыкты секирип. Аскага чыкса секирип,

Арам сага кылам, – деп, Артында мерген өкүнүп.

Кекенип мерген жүгүрдү,

Аскада жаным койбойт, – деп, Эчки жандан түңүлдү.

Аскага чыкты илинбей.

Эчки чиркин сүйүндү, Кармаймын деп жүгүрдү. А мергенге жок экен, Шарияттын буйругу.

Эчкиге келип ачуусу,

Колун шилтеп жүгүрсө, Жаза тийди куйругу.

Чочугандан куу Эчки, Бир асканын кырына,

Секирип чыкты Суречки. Эчкини кармап алам, – деп,

Кожожаш кошо барады. Эчки каргап жөнөдү, Бул аскада туруп калады.

Кандай шумдук болот, – деп, Эки көзү чолпондой, Жалдырап туруп калады.

Кандай шумдук болду,– деп,

Салынган экен кабагы. Чын тилегим бергин, – деп, Эчки боздоп барады.

Олуя-Атым ташында, Былк этпей карап турады.

Мерген жылбай калган соң, Эчки, кудайга тобо кылады.

Өлөр жериң ошо – деп Эчкинин көкүрөгү тынады.

Эчки көкүрөгү тынады,

Эки көзү жалтылдап,

Кожожаштын аскада калганын Зулайканын билгени

Энди мерген өлдүң – деп, Эчкиден кордук көрдүң – деп.

Алганың керет Зулайга, Артыкча капа салдың – деп.

Арманым жок кудайга, Алабаш кунун алдым – деп. Акылы жок куу мерген,

Аскада туруп калдың – деп, Айта бергин келмеңди, Акка мойнуң сундуң – деп. Эчки туруп жөнөдү, Мерген бир кыйноо көрөдү.

Күнү-түнү буркурап,

Айтылар болду жашынан Зулайканын арманы.

Мергеним качан келет, – деп, Керет Зулай болжоду, Эртели-кеч ойлонду.

Ат башындай ак китеп,

Акылман Зулай колго алды, Байкайын деп ойго алды.

Бир барак ачып карады, Билгич Зулай караса, Аскада турган заманы.

Жана эки барак ачады, Элирген мерген аскада, Зулайка акылдан шашады. Маани китеп колго алып, Мергенди ойлоп ыйлады, Көзүнөн жаш булады.

Көрүнүп турат кайберен, Асты тирүү кетпеген, Кожожаш аскада турады.

Олуя-Атым ташында, Кандай амал кылам, – деп, Кожожаш мерген турады. Мергенди ташка койгон соң, Эчкинин чыкты кумары.

Эчки бир кордук кылдыңбы? Мергендин айткан арманы, Бу да, кудуреттин салганы. Кыйын болот шекилдүү, Куу Эчкинин жаңжалы.

Төрт барагын ачканда, Төрөсү шондо билинди, Чымындай жандан түңүлдү. Эч айласын таба албай,

Китебин алып колтуктап, Атасын көздөй жөнөдү.

Алганы Зулай кайгысы, А китептен билинди.

А мергенди колдогон, Баабедин эшен пир экен. Керет эле Зулайка, Маңдайы ачык күң экен. Бу Зулайка бүлүнүп,

Арыпбай сындуу атасын, Туура көздөй жүгүрүп. Атакелеп чыңырып, Келе жатат сыйынып.

«Амалым кетип турамын, Атаке, аскада калды кулунуң.

Боор оорусун жараткан,

Көзүнөн аккан жашынан, Арам Эчки оңбосун! Коюп кетти жалгызды, Олуя-Атым ташына». Жүгүрүп барды Зулай күң, Атасынын кашына.

«Атаке, артыкча кайгы сен көрдүң, Аскада калды жалгызың. Ак китептен мен көрдүм,

Атаке, башкача кайгы сен көрдүң.

Колумдагы китептин,

Барагын ачып мен көрдүм,

Атаке, башкача кайгы сен көрдүң. Амалым кетип турамын, Аскада калды кулунуң. Курдашым, жалгыз, колдо жок,

Кур кайгы тартып турамын. Жайкалып турар чагым жок, Жалгызым, сенден айрылып. Менин бешенемде багым жок, Ар боорум жүрөр чагым жок.

Мергеним, сенден айрылып, Менин насибимде багым жок.

Атаке, китебиме кулак салыңыз, Кеңеше турган мерген жок, Азыраак экен багыбыз.

Айткан бир сөзүм кылыңыз, Атаке, ага-ини, журтуң  жыйыңыз.

Билген ишиң кылып бар,

Аскада калган жалгызга, Миң түтүн кытай жыйып бар!»

 

Эли-журту аскага чогулуп келгени

Байкай салып Арыпбай, Капалык келди көөнүнө. Кабар салды бакырып, Калың кытай элине.

Арыпбайдын байлыгы, Адамдан ашык болду эле. А себептен көп кытай, Мас болду эле демине.

Арыпбай боздоп ыйлады, Ага-ини, журтун жыйнады. Капа келди көөнүнө, Кабар берди элине.

Кабарды эли уккан соң,

Бири калбай жайланып, Бир аркандан байланып, Миң түтүн кытай камданып. Бири калбай көбөйүп, Бир жыгачтан өңөрүп.

Усталарын жыйнады,

Көп журту келет басынып,

Устасы балкасын алып, Көөрүктөрүн артынып, Асканы көздөй жөнөдү. Калың кытай келеди,

Карагым, жалгыз мерген,– деп, Булар ыйлап турган эл эле. Алганы Зулай буркурап,

Калың кытай көп журттун, Алдында келет зыркырап, Алганы Зулай чыркырап. Бөтөнчө жандан түңүлдү, Мергенди көрсөм – деп, Бөлүнүп Зулай жүгүрдү. Мына бу Зулай жүгүрүп, Кур кайгы-капа санады. Зулай асканын башын карады,

Зулайдын эми кетти амалы. Көргөн адам боор ооруйт, Көзүнөн аккан жашына. Көзүн салды Зулайкаң, Олуя-Атым ташына.

Таштап кетти мергенди, Бул айлакер куу Эчки, Куу асканын башына. Буркурап ыйлап Зулайка, Келер болду кашына.

Карай салып буркурайт, Кайгырган Зулай зыркырайт. Аскадан көрүп жалгызды,

Канетемин деп чыркырайт, Энди кара башы быркырайт. Кайгырган Зулай кереттин, Капалык көөнү бөлүнөт.

Капкалап жүрүүчү мергени, Куу асканын башында, Каргадай болуп көрүнөт. Зулайкадай кереттин, Турбай жашы төгүлөт. Турган мерген Кожожаш, Турумтайдай көрүнөт.

Күйсө көңүлү бөлүнөт. Күлпөтү ашык Кожожаш, Күйкөдөй болуп көрүнөт. Баары журту дуулдап, Башкача бушман жегени. Аманат жанды кыйнады, Асканы карап ыйлады.

Зулайка, жалгызым деп,  турганы.

«Ар кайгы ичке толот – деп,

Жалгызым, амалым кандай болот, – деп. Бийик турган аскадан, Аман-эсен келмек жок. Алда күнүм не болот,

Артыңда калган эрмек жок. Керилген жаным башкадай,

Жалгызым, келбес болдуң аскадай. Үй көрүнбөс тумандан, Улар атып бергеним. Унуттуң жалгыз мергеним, Канакей сенин келгениң?! Кучкачым жалгыз мергеним, Кокуй күн, кана келгениң?! Ай көрүнбөс тумандан, Аркар атып бергеним. Айкашкан жалгыз мергеним, Наалат күн, кана келгениң?!

Тектирге чыга келгеним,

Текеден атып бергеним,

Теңселген жалгыз мергеним, Теңтушум кана келгениң? Курбуга чыга бергеним, Кулжадан атып бергеним, Курдашым кана келгениң? Аман-эсен келмек жок, Айла күнүм не болот?

Артыңда калган эрмек жок,

Ойлобой турган санаа жок,

Жалгызым, ордуңда калган бала жок. Кудуретке не жаздым?

Жасаган, кылганында чара жок. Жаш алган жарың Зулай күң, Жаркытып сүйөр бала жок. Айтылбай калар арман жок, Артыңда калган бала жок.

Алда бир дүйнө бекерсиң, Айланайын, жалгызым, Аман келер бекенсиң?

Аскада жалгыз сен элең, Армандуу Зулай мен элем.

Кур кайгы тарткан мен элем, Курдашым, жалгыз, сен элең. Айттырбагын арманым, Көтөрдүм кудай салганын. Кудай бардыр куу Эчки, Көп болгон экен арманым. Алганың керет Зулай күң, Арманда болуп турганбы? Арам Эчки оңбосун, Алабаш кунун кууганбы?

Аскада турасың жалдырап, Алтымыш муунуң шалдырап. Акылың угуп күлдөнбөй,

Ага-иниң, журтуң чогулуп, Аскада калар ишиңди, Ага-иниң, журтуң билбеди». Алганы

Андай аска бүтпөдү,

Колундагы жөкөрдөн, Шибегелик түшпөдү.

Мергенден кайгы кетпеди,

Көп кытай журту чогулуп, Миң аркан салса жетпеди. Алганы Зулай буркурап,

Канетемин деп зыркырап. Калың журту чыркырап.

Аскада калган мергендин, Амандыгын тиледи, Алганы Зулай жүдөдү.

Капа кылды бу мерген, Калың кытай көп журтун.

Коштошуу

Кожожаш мерген кудайга наалып, аскадан түшө албай турду. Калың кытай журту, мерген келбейт, – деп буркурап ыйлап, миң аркан салса жетпей, билгичи Зулайкадан кайгы кетпей, ошондо Зулайды көздөп айтканы:

Зулай буркурап, Арызын айтты зыркырап.

«А, элим көздөп алгын», – деп,

Аскада турган мерген кул,

Карай салып көп журтун,

Көзүнөн жашын ыргытты.

«Алганым Зулай ыйлаба, Аманат жаның кыйнаба!

Арман, кайгы оюңда, Алты айлык бала боюңда. Бас тартып кайгы көргөнүм, Баладан ыраат көрбөдүм.

Бара албадым элиме, Байкаган муңдуу мергениң. Адамзат бенде көтөрөт, Алданын башка салганын.

Айттырдың Зулай арманым!»

Туйгунуң мерген ойлоду,

Турдум го деп болжоду.

Кайран мерген ойлоду,

Калдым го деп болжоду.

Анда Зулай зыркырайт,

«Жалгызым, эшиткин – деп, чыркырайт. Алыштын көркү не болот?

Алганың Зулай мен байкуш, Амал күнүм не болот?»

Анда эч айласын таба албай, Асемдеген мергендин Артык эле кеңеши. Амалым кандай болот, – деп, Энди ыйлады буркурап.

Акеркеч сындуу энеси,

Кур кайгы тартып буркурап, Кулунум деп, зыркырап. «Кагылайын, чырагым, Кандай айла кылайын!

Айланып кайта келбедиң,

Апакең арка кыларга,

Артыңда жок эрмегиң!» Анда атасы эми айтат, Арман, арызын энди айтат: «А, карагым, сенин өзүңдөн, Кан атаң ыраат көрбөдүм. Кандай шордуу мен элем,

Айттырдың, ботом, арманым!

Көтөрдүм кудай салганын, Кудай бардыр кайберен, Ал аскага камадың.

Ардактап баккан милтейим,

Кулунум, аман-эсен келбедиң!?» «Атаке, сенден пайда жок, Эсен келер айла жок. Энеке, сенден пайда жок, Аман келер айла жок».

Калың кытай буркурайт:

«Кайран мерген демиңби?

Кайгырттың кытай элиңди. Картайганда атакем, Кайрат, кубат болбодуң. Кайберен эле куу Эчки, Кайгыртты бул Суречки». Атасы менен энеси, Асманды карап буркурайт. Көзү жетпей аскага,

Кулунум деп, чыркырайт.

Атасын карап кеп айтат!

«Арманда болбо – деп айтат. Кан атаке ыйладың Карып жаның кыйнадың.

Аскада турат жалгызың, Арманда болсоң айла жок, Камыккан менен байда жок.

Кайгырып атам ыйладың, Кайрат кылып жан сакта, Кайгыргандан байда жок.

Кулунум – деп ыйладың,

Атаке, кур кайгы тартып турбагын! Кудайым өзү сактаса, Кулунуң барар айланып. Кур кайгы тартпа зарланып, Арка кылар бүлөң жок. Амал күнүң не болот,

Артыңда калган бөбөк жок.

Кайберен болду атканым,

Калың журттан бөлүнүп, Кара жашым төгүлүп, Кара аскада жатканым.

Арман, кайгы оюңда, Алган Зулай кереттин, Алты айлык бала боюнда!

Адистер барар тоюнда,

Алдадан ишиң жөнөсө,

Алганым эркек төрөсө, Атын койгун Молдожаш.

Молдожаш мерген машыгар, Мендей болуп атыгар, Артында жалгыз жатыгар.

Ай, атаке, сыздадың,

Алганым Зулай керетти, Жакшы багып коштогун!

Капа кылып ыйлатпа,

Карып жаным кыйналтпа!»

Аскадан жалгыз буркурап,

Ажалы жетип аскадан,

Канчалык журту ыйлады,

Мерген, ошол аскада турады.

Бейиште табар панары, Аскадан экен ажалы.

Ага-ини, журту зыркырап, Көп жортуул кетип барады.

Мерген, ошол аскада калады. Ажалы жетип өлгөндө,

Кайгырса пенде табабы?

Ага-ини, журтун көргөн соң

Акылы кетип чыркырап.

Кор кылды жалгыз баланы,

Эч айласын таба албай,

Калың журт көздөп алгын, –деп,

Аскадан боюн таштады.

Башына чыкты урааны, Атанын үнүн уккан соң, Аскадан жалгыз кулады.

Кулаганда чыркырап, Кутман элең Арыпбай, Кулунум, – деп буркурап.

Аскага жалгыз илинди,

Көп журт, аманат жандан түңүлдү.

Кожожаштан атасы, Айрылганы билинди.

Эки көзү жалдырап,

Аскада калды сөөгү,

Алтымыш мууну шалдырап.

Андай аска бүтпөдү, Мерген жерге түшпөдү.

Жалгызым келбей калды, – деп, Акеркечтей энеси, Асканы карап ыйлады.

Кудуреттин кылганы,

Кайран мерген Кожожаш, Бешенеге сыйбады. Мергенди көрбөй калдык,– деп, Беш-Арыш журту ыйлады.

Марасы калкка көрүнбөй,

Каалап алган Зулайдын,

Кара жашы төгүлдү.

Кайберендин кылганы,

Алабаш кунун алдым,– деп, Суречкидей чиркиндин, Көкүрөгү тынганы.

АЙРЫМ СӨЗДӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Албардуу – алдан тайган, начар, алсыз.

Атым – мылтыкты дүрмөттөөдө колдонулуучу өлчөм, чен.

Баабедин – ар кандай кырсыктардан аман калууну көздөгөн курмандык, ырым-жырым.

Жадал – текст боюнча тез, ылдам деген маанини берет.

Кайып – элдик ишенимде көзгө көрүнбөй кубулуп жүрүп колдоочу керемет, сыйкыр, дух, күч.

Канык – мыкты, такшалган, иштин көзүн билген.

Керет – алдын ала көрө билгендик, көрөгөчтүк.

Кисе – жанга байлап жүрүүгө ылайыкталып күмүш чабылып жасалган булгаары баштыкча.

Көң – бодо малдын терисинен жасалып, ийи жакшы жетилбеген булгаары.

Көөрүк – темир усталардын териден жасалган от үйлөткүч шайманы.

Мойнок – төөнүн же тоо текенин моюн бөлүгүнүн териси.

Оттук – от күйгүзүү үчүн колдонулган чакмак таш.

Паана – калканч, үңкүр, колдоочу.

Пир – диний каада-салтты жакшы билген динчил адам; көсөм, касиеттүү, колдоочу.

Ыраат – жакшылык, ырахат.

Эшен – сопулар агымынын башчысы, насаатчы жетекчи.

 

ЭР ТӨШТҮК

(С. Каралаевдин варианты)

Көкөтөйдүн ашындагы күрөш тууралуу

Көкөтөй ашы болгондо,

Каапыр менен мусулман

Кара курттай кыжылдап,

Кайнап жерге толгондо,

Көкөтөйдүн ашында, Каапыр менен мусулман Каш кайтарар бир жан жок.

Кабылан Манас башында,

Ар ким назар түк салбай,

Каапыр менен мусулман

Укурук кайрар түк калбай, Алп-дөөлөрдүн баарысын

Атынан түшүп шаштырып,

Далпылдатып баарысын,

Ашта жөө бастырып;

Коржоңдогон жан калбай,

Кыя басып кире албай,

Кылым дөөнүн баарысы

Кыраан Манас көк жалга Каяшаяк бере албай, Калк каратып турганы. Ошондо Көкөтөйдүн Бокмурун Калкка жарын угузуп:

– Миң карача төө сайдым,

Миң кара кашка бээ сайдым,

Буттап алтын зер сайдым –

Каапыр менен мусулман

Бир тамаша салсын деп,–

Кан атамдын тоюнда

Калк кармашып калсын деп,– Кулак угуп, журт көрүп,

Кан атамдын сөөлөтү

Доор кыямат болгуча

Унутулбай калсын деп,– Каапырдан чыгып бир балбан,

Мусулмандан бир балбан

Жөө күрөштү салсын деп,– Жыкканы байып калсын деп,–

Жыгылган куру калсын деп,–

Атамдын арбын дүнүйө, илек мал Ушул аштан түк калбай, Ада болуп калсын деп.

Манжулардын Нескара, Бул сөздү угуп алыптыр:

– Калмактардын кан Жолой, Качан пайдаң тиет? – деп, Кайрат айтып барыптыр.

«Калың дүйнө, сансыз мал, Көкөтөйгө сайды» деп, Жолой угуп калыптыр.

Мына ошондо кан Жолой,

Даңкы катуу таш жарган, Жолу каткан Жолойго, Жолойго адам жолойбу? Кармашканды калдайтып, Алып турган кези экен.

Балакетти дөөлөргө, Салып турган кези экен.

Күрөшкөндү талкалап,

Чалып турган кези экен. Жети жылы жөө басып, Жетик найза майлаган, Жети миң алпты жайлаган. Жети батман буудай жеп, Дан жыттанган чоң Жолой.

Жети миң алпты бир союп, Кан жыттанган чоң Жолой. Жөөгө балбан, атка жок, Жолой өңдүү каапыр жок. Калбайып оозу бирикпейт, Кандалчынын кабындай. Бириндеген муруту, Айбалтанын сабындай.

Жылаңаяк, жылаң баш,

Айбаты кыйын ушундай, Бул Жолойдон оолак кач! Балбандыгы башкача – Балбанды жыккан бир канча.

«Көкөтөйдүн көп байге

Бир көрүшүп көрсөм деп,–

Балбанга чыккан бурутту

Көтөрүп уруп салам деп,–

Көкөтөйдүн көп байге,

Жеке өзүм алам  деп,– Балбанга чыккан буруттун Бир эсебин табайын, Улактай жерге чабайын. Чындап каарым кармаса, Бөлүп-бөлүп салайын. Колу-бутун суурайын,

Сан кара сайган буруттун, Заманасын куурайын.

Чабалы чыкса буруттун, Чапчып кармап жутайын. Балбаны келсе буруттун, Башын кармап жулайын. Кысталак буруттун

Башына кыйын кылайын.

Беттешкенди койбоюн,

Бурут, калмак – экөөнө

Оюнду мыктап ойноюн». Жолой жайын сурасаң: Бука моюн, буура сан, Булкушканды куураткан. Калмактардын боз кисе

Жылма болгон чоң Жолой, Жылаңач белге чалыптыр. Алтымыш теке терисин

Сырттап кылган кандагай, Аны кийип алыптыр.

Каарданып бакырып,

«Чык, балбан!» – деп чакырып;

Карыпчыны жамынып,

Көрөр болсоң Жолойду

Көк камандай чамынып,

Алышканды алгыдай,

Адамдан башка бул Жолой, Беттешкендин баарысын, Узунунан салчудай.

Кармашып пенде баргысыз, Катылышам деген жан, Өлбөй тирүү калгысыз.

Туурасы жоон, бою пас,

Боз жалпак тарткан жыластын, Бүткөн бою кара таш. Көрсө көңүл бөлүнөт,

Көрөр болсоң Жолойду, Көк дөбөдөй көрүнөт. Калмактардын кан Жолой Балакетти салганы. «Казыр чыккын мага!» – деп, Кара жерди чапкылады. Каапыр менен мусулман Карчалышып турганда:

«Балбанга Жолой чыкты деп,–

Кандай туулган мыкты» деп,

Каапыр менен мусулман, Катар турду жарданып, Кан Жолойго таңданып. Көкөтөйдүн ашында,

Көп мусулман баарысы Айран болду Жолойго, Кошой баштык карысы.

Беттеп адам барабы, Беттешкен аман калабы? Кыргын болчу эмедей, Кызык болду баарысы.

Как майдандын түбүндө, Кан Манастын зор ордо Калк ортого тигилген.

Бир жагына ордонун,

Манас баштык кырк чоро Оюн баштап жаткыдай.

Бир бурчуна ордонун,

Аккула менен кырк тулпар Байлап койсо баткыдай. Бир жагына кырк чоро, Ойноп ордо аткыдай.

Кабарчысы береги – Кырк чоронун ичинде Кабар айтар Сереги. Көк жал шердин өзүнө Ошо Серек барганы. «Келди Жолой балбан» деп, Кабар айта салганы.

Бул кабарды укканда, Жаадай учуп ордунан, Жалаңкычтай эр Манас.

Шашып-шушуп көк жалың, Ак олпок тонду кийди эле, Айбанбозду минди эле. Кайнап жаткан көпчүлүк, Колго карай жүрдү эле.

Кырк чоронун баарысы,

Өлүмдөн коркпос жыластар Кызык болду баарысы.

Ажыбай, Бакай – эки кан,

Алмамбет, Чубак – эгиз эр,

Серек, Сыргак – тегиз эр –

Кара жолтой канкордун, Калк чайкаган анткордун Күтүп алган чоросу.

Ар кайсысы эгизден.

Кыргын чал, Боз уул, Кутунай – Кан Манастын кырк бөрү, Камбылдыгы ушундай.

Айбанбоз минип калдайып, Ачууланып эр Манас, Ач кыйкырык салды эле.

Кырк чоронун баарысы,

Кыргыл, Бакай – карысы «Жоо кайдалап» ошондо, Даяр болуп калды эле. Кырк чоро карап турганда Манас буйрук кылды эми: – Байге алганы чыгыптыр, Тапкын Жолой дарысын.

Баарын жыйып алып кел, Дин мусулман журтунун Дөө, алпынын баарысын! Айт дегенде, кыйт койгон, Чорону кудай урабы? Айдап келбей Манаска, Чоролор карап турабы.

Он эки кан мусулман,

Алп дөөлөрдүн баарысын, Арстан Чубак, Алмамбет, Койбой айдап калганы.

Канкор эрдин алдына,

Каалаган алптар мына деп, Чубатууга салганы.

Он эки кандын баары бар, Ортосунда калдайып, Аксакал Кошой дагы бар.

– Кутпа жагы бетинен,

Оң кол жак бияк четинен,

Кандын жээни Жүгөрү,

Жоорукөр тулпар аты бар,

Пенденин алпы каркы бар,

Катылганды жейсиң сен, Алп дөөлөрдүн баарысын

Тынбай алты ай урушуп, Алып салдым дейсиң сен! Күпүлдөп жоон кебиң бар, Күрөшө турган эбиң бар. Каапыр менен мусулман Тирелишкен жер экен. Балбанга чыгып отурган Балбан Жолой эр экен. Көп жыйындын кашы экен, Көкөтөй кандын ашы экен. Көп ичинде Жүгөрү, Бир керекке жарап бер! Көкөтөйдүн көп байге Мындай кызык кайда бар:

Эки өркөчүн коркойтуп,

Өрдөктөй мойнун койкойтуп, Төөдөн сайды бир миңди.

Баары тегиз капкара,

Маңдайында кашкача Бээден сайды бир миңди.

Анжыяндын аркагы жоон сарала, Таңгагы менен сайыптыр.

Көкөтөйдүн санаты, Жер үстүндө адамдан Кайдан чыга калыптыр! Сен кандайсың балбанга, Жыгып мөөрөй алганга? Опол тоодой чоң Жолой,

Түп этектен алууга,

Эптеп кармап чалууга, Сен кандайсың барууга?

Жолу болсун Жүгөрү,

Эси чыгып шашканы. Жоорукөрдөй тулпардын Үстүнөн түшө качканы:

– Астыңа тартуу берейин,

Жоорукөр тулпар малымды – Куткарамын жанымды.

Жолойго барсам оңбоймун, Журтка шылдың болбоймун. Ачууң келсе, баатырым, Кылычың колго алыңыз. Күрөшпөйт десең Жолойго, Кылычтап башым алыңыз. Өз колуң менен баатырым, Жерге көмүп салыңыз!

Калайманды баштаса,

Калмактын каны чоң Жолой

Кармап тытып таштаса, Жарты татаал кыядан, Жалгыз элем уядан.

Элим алыс, журтум жок,

Ушундай экен дүйнө бок! Өлүп калсам калмактан,

Чуркарыма бутум жок,

Жыланга чалыш мен элем, Шыйпанарга куйрук жок, Куланга чалыш мен элем!

Тоодой Жолой каапырга

Күрөшпөйм, Манас, күрөшпөйм, Башымды өзүң кесип ал. Мен барбаймын дегеле, Күркүрөгөн каапырга.

  • Кандын жээни Жүгөрү,

Катын кайрат, суу жүрөк,

Кара жерге кирсин деп,

Канкор Манас кабылан,

Кадыры жаман калды эми,– Жаманды кудай жан кылбай, Алып салса боло деп, Андан ары өттү эле.

Таздын уулу эр Үрбү, Эр Үрбүгө жетти эле:

  • Эки Кемин жердеген,Эсеби жок эчен эр деген.

Күрүчүн күздүк айдаган, Күрүчүнүн күрмөгүн

Күлүккө берип байлаган,

Кара тилин кайраган,

Кан алдында сайраган,

Кара үңкүрүн үй эткен,

Кара токой мал эткен, Эйбит таздын эр Үрбү, Сен кандайсың балбанга? Тоодой болгон Жолойго Бир серпишип калганга?

Баатырлыгын байкап бил –

Баарыдан жаман качты эми, Үрбү болбой жерге кир. Анда Үрбү муну айтат: – Кокуй, канкор, не дейсиң, Наалат канкор, не дейсиң?

Жарды жүрүп байыдым, Жалгыз жүрүп көбөйдүм.

Кулаалы багып куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым. Тели куш багып куш кылдым, Тентиген жыйып журт кылдым. Байгесин мен албаймын, Калмагыңа барбаймын. Жолойго барам деп бөөдө, Өлүм болуп калбаймын. Жолоюң кармап албайбы, Башымды үзүп салбайбы.

Мен өлгөндө жыйган журт,

Сан карасын чачпайбы, Сапырылып баарысы, Тарап алып качпайбы. Кулаалы кетер жерине, Курама кетер элине.

Тели куш кетер жерине, Тентиген кетер элине.

Күрөш десең калмакка, Үрбүнүн бели сынбайбы.

Үрбүнүн бели сынган соң, Журтумду кудай урбайбы?

Үрбү турду бүгүлүп,

Үрбүнү көрүп эр Манас, Эр Үрбүдөн түңүлдү.

Ары карай өттү эле,

Казактардын кан Көкчө,

Кан Көкчөгө жетти эле,

Адырлуу Талас, Сары-Арка – Ал жерлерди жердеген, Көкчө менен Манас дейт:

– Айдаркандын эр Көкчө Сары-Арканы жердеген, Салмагың оор эр деген.

Таруусун таштай актаган, Катынын кыздай мактаган. Беттешип бенде барбаган,

Айдаркан уулу алп Көкчө, Эңкейтип адам албаган! Калк атасы Көкөтөй, Көкөтөйдүн ашы экен, Көпчүлүктүн кашы экен.

Сен кандайсың балбанга,

Жолу каткан Жолойго

Бир беттешип калганга, Жыгып мөөрөй алганга? Казактардын кан Көкчө, Каалап турам балбанга. Калмактардын Жолойго Күрөш салып барганга. Арыстандай сүрүшүп,

Ач бөрүдөй жулушуп,

Минтип намыс алганга,

Кыймылдатпай, камынтпай,

Камтый кармап алганга, Кара жерге салганга? Безге сайган эмедей Безилдеди эр Көкчө:

– Сары-Арка деген жерим бар, Сары-Арканы жердеген Сандаган казак элим бар. Жолойго салып Көкчөнү, Кылайын деген экенсиң. Сала берип жолборско, Тынайын деген экенсиң. Сары-Аркадай жеримди Алайын деген экенсиң. Аким болуп казакка Калайын деген экенсиң.

Кокуй, Манас, кордугуң, Күрөш деп турган зордугуң! Басып барсам мен Көкчө,

Калмактардын чоң Жолой Башымды үзүп албайбы? Алакандай мусулман,

Намысы кетип калбайбы?! Анда Манас муну айтат: – Баатыр Көкчө деп жүрсөм, Катын Көкчө экенсиң. Аябаган эң чабал, Бакыр Көкчө экенсиң!

Көп жер менен салышып,

Көнгөн Көкчө деп жүрсөм, Өлгөн Көкчө экенсиң. Кыяматты сен эчак Көргөн Көкчө экенсиң! Ышкы жокто ыйман жок, Намыс жокто ары жок! Эми кудай урабы?

Жан алуучу жалаңкыч,

Ал калмактын жанында Жанаша бирге турабы? Каарданып жемелеп,

Кан Көкчөдөн өттү эле.

Эштектердин Жамгырчы, Жамгырчыга жетти эле:

– Жети өзөндү жердеген,

Жеткилең кыйын эр деген,

Ак көкүл тулпар ат минген,

Эштектерге дөө болгон, Качкан-бозгон калмакка Кан Жамгырчы ээ болгон. Баатырлыгың башкача, Балбандыгың бир канча.

Кынсыз кылыч байланган,

Жердин үзүн түгөтүп,

Жортуп жүрүп айланган,

Эр Жамгырчы, кыраакым,

Эрдигиң журтка сынаакым,

Кан Көкөтөй ашында,

Калың жыйын кашында

Жолой менен беттешип, Кармалашып калганга, Сен кандайсың балбанга? Мусулмандын арбагын, Бир көтөрүп салганга?

Мына ошондо Жамгырчы

Көзү кетип алактап, Буту кетти салактап.

Билегинен сап кетип, Жүрөгүнөн кап кетип:

– Оо Манас, журт атасы

Көкөтөй, Көкөтөйдүн бул тоюн Көргөнү келген экемин.

Көр дүйнөгө кабылып,

Көк жалым, сенин өзүңдөн Өлгөнү келген экемин!

Кашайта көзүм оюп сал,

Колуң менен союп сал,

Мен Жолойго барбаймын, Балаасына калбаймын.

Жамгырчы качып балбандан, Аны да кудай алды эми. Андан ары канкор шер, Эр Төштүккө барды эми: – Эр Төштүк, сага кезигип, Жок экен менин арманым. Жаралган алптын сырттаны, Жарашыктуу балбаным!

Алакандай мусулман

Сырттаны элең сен, Төштүк, Алакандай мусулман Кутманы элең сен, Төштүк. Найзакерден эрендин Ыктуусу элең, эр Төштүк. Алакандай мусулман Мыктысы элең, эр Төштүк.

Эрдикти эпсиз салып бер,

Төштүк,

Мен айткан жакка барып бер, Төштүк.

Балбанга башың чыгылсын,

Төштүк,

Алышкан калмак жыгылсын, Төштүк.

Тогуз бир уулдун кенжеси,

Төштүк, Бир кудайдын пендеси, Төштүк,

Элемандын эркеси, Төштүк,

Күн тийген чөлдүн чатыры,

Төштүк,

Дин мусулман баатыры,

Төштүк,

Оң далың опсуз кең кылган,

Төштүк,

Жараткан сүйүп шер кылган,

Төштүк,

Жалпы журтка эр кылган,

Төштүк,

Таң атар салкын бозумсуң,

Төштүк,

Жаныма жакын досумсуң,

Төштүк,

Алты айлык чөл көргөн,

Төштүк,

Адам көрбөс жер көргөн,

Төштүк,

Улуктурсуң, шердирсиң,

Төштүк, Катуу кыйын түйшүккө

Бир жараткан эрдирсиң, Төштүк.

Чалкуйрук тулпар минип бер,

Төштүк,

Айтканымды билип бер,

Төштүк,

Чоң Жолойго кирип бер, Төштүк.

Кан Көкөтөй ашы экен,

Төштүк,

Калың жыйын кашы экен,

Төштүк,

Байгеси арбын, олжо көп,

Төштүк,

Эр болсоң ишке канып бер, Төштүк. Опол тоодой Жолойду Узунунан салып бер, Төштүк.

Калмактын Жолой балбанын,

Төштүк,

Күрөшүп кызык салып бер, Төштүк.

Алп дөөлөр карап бу турсун,

Төштүк,

Дин ислам эли чуу турсун, Төштүк. Эригип турган элиңди, Эми көөнүн чечип бер, Төштүк. Энеси талак чочконун

Эптеп башын кесип бер, Төштүк.

Көтөрө уруп сала көр, Төштүк. Көкөтөйдүн көп байге Өзүң жеке ала көр, Төштүк.

Долдойгон боп-боз калмакты

Толгоп бир кыя чала көр,  Төштүк!

Толгоп бир кармап жыга көр,

Төштүк, Топого башын тыга көр, Төштүк! Көмүрдөй таптап баса көр,

Төштүк,

Көөдөндөн аттай кача көр, Төштүк.

Кармашып түпкө жете көр,

Төштүк,

Аттап бир башын кете көр, Төштүк. Төштүгүбүз жыкты деп, Мусулман журту сүйүнсүн, Төштүк. «Төбөңдөн тийген кантет» деп,

Каапырдын калкы күйүнсүн, Төштүк.

Кармашкан Жолой түз болсун,

Төштүк, Акыр заман журтуна Айтылгандай иш болсун, Төштүк.

Кулактан кармап булкушкун,

Төштүк,

Кулжуңдашып жулкушкун, Төштүк. Багалектен алышкын, Төштүк, Балбандарча алышкын, Төштүк. Катуу кайрат кыла көр, Төштүк,

Капча кармап калмакты,

Тоо кулаган эмедей

Калдайтып жерге ура көр, Төштүк.

Кайыктуу жерге сүзө көр,

Төштүк,

Кыйла сөз айттым биле көр,

Төштүк,

Кыйыгы менен кире көр, Төштүк. Алп күчүңдү сала көр, Төштүк, Кааладым сени, бара көр,

Төштүк,

Калмакка бүлүк сала көр, Төштүк.

Желкеден алып жыга көр,

Төштүк,

Баткакка башын тыга көр, Төштүк. Алдырып салсаң калмакка Аябаган жаманат, Төштүк.

Мусулман көөнүн тындыргын,

Төштүк,

Каапырдын белин сындыргын, Төштүк.

Айттым намыс ала көр,

Төштүк,

Балбанга бачым бара кой,

Төштүк, Эр намыстан өлүүчү, Төштүк,

Намысы жок арамдар

Өлбөгөн күндү көрүүчү, Төштүк.

Баатыр болсоң көк болгун,

Төштүк, Балбанга буюруп мен турам,

Бары жокко бөрк болгун, Төштүк. Жолойдун белин сындырсаң,

Жонуңдан кайрат кылайын, Төштүк. Көкөтөйдүн сан байге

Талап алып тынайын, Төштүк.

Артык эптүү эренге Аркаң тийсин ошого, Төштүк. Алтыдан атан төө алсын,

Төштүк, Алалбаган кополдор Аңырайып жөө калсын, Төштүк. Манас мындай кордуктап,

Сырттан тууган Төштүктү

Күрөшкө түш деп зордуктап,

Төштүктү мындай дегенде,

Алптарды кудай урганы – Кайраты качып зирилдеп, Кан Манаска жолобой, Качып жүрөт зирилдеп.

Алптар качып антаңдап, Алптарды кудай урганы:

«Кара жолтой бул канкор

Кокус кармап алат деп, –

Айтканына көнбөсөк,

Кордук кылып бул башка, Такыр чаап салат» деп.

Балбанга түш деп Төштүктү,

Баатыр Манас күркүрөп, Көрүп турган алптардын Бүткөн бою дүркүрөп.

Элемандын эр Төштүк

Чалкуйруктун үстүнөн,

Чайинги тондун астынан Тизеси жерге бүгүлүп, Чуркап түштү жүгүрүп.

Окоро түйгөн чылбырды Моюнуна салганы.

Канкор шердин алдына Чалкуйрук тартып калганы:

– Баатыр Манас, көк жалым,

Каапыр менен мусулман

Кайнап турган жеринде

Каарданып баратсаң, «Балбанга айтсам түшпөйт»,–

деп, Канымды төксөң мен мына.

Түшпөй турган себебим – Ырдап берем ырымды, Ыймандай айтам сырымды. Бар десең, Манас, барайын, Балбанга түшө калайын. Сенин шагың сынгыча, Өлсөм өлүп калайын.

Айыкпай жүргөн жарам бар,

Айыкпаган балаам бар – Жер алдына түшкөнүм, Жети жылдар болду эле. Жер үстүнө чыкканым, Жети күнгө толо элек.

Жер астына түшкөнүм, Алты жылча болду эле. Жер үстүнө чыкканым, Алты күн араң болду эле.

Менин каным калды бир  кашык, Этим калды көк жашык. Чарпаша турган чамам жок, Алыша турган айлам жок.

Кыйла айтар кебим бар,

Устукан сөөктө кемим бар,

Жер алдына барганда,

Алпкаракуш зымырык

Чын достошуп алганда,

Канатка салып көтөрүп,

Кыяматтан өткөрүп,

Бери карай чыгарда,

Сүйлөсө далай кебим бар,

Жырткыч ылдый бүгүлүп,

Жылма болгон Төштүгүң

Жыргалдуу жандан түнүлүп,

Алапайым таба албай,

Такымымдын чуңкур эт Аяктай кылып колума Алган жерим дагы бар. Алпкаракуш оозуна Салган жерим дагы бар.

Такымдан калмак албайбы, Дардайтып жыгып салбайбы. Уруучу кудай урбайбы, Мусулман шагы сынбайбы. Жаралуу такым этимди, Кармаса калмак жулбайбы.

Сөлдөрүм бар, алым жок, Опол тоодой каапырга Сүрүшө турган жагым жок.

Күркүрөп Жолой жеткенде,

Күрпөңдөшө кеткенде, Кудайга үнүм угулат.

Такымга тепсе чоң Жолой, Томпоюп Төштүк жыгылат.

Каардуу калмак кармаса,

Кабыргам кетер бөлүнүп,

Ал калмактан жыгылса, Арстан туулган Төштүгүң Өлөр түрү көрүнүп.

Бул тилиңди албаймын, Бул Жолойго барбаймын.

Каапыр менен мусулман –

Калайыктын алдында

Калдайып Төштүк жыгылып, Калың кара мусулман Убалына калбаймын.

Элемандын тогуз уулунун кылыктары тууралуу

Айтсам кебим далай бар, Менин атам Элеман Эпсиз журттан бай экен. Төрт кыбыла тарапка, Малы толгон жан экен. Элемандын колунда,

Тогуз уулу бар экен. Адам таанымак такыр жок, Малга катаал жан экен. Тогуз уулу токтобой, Топтоп малын багыптыр. Башы кара, буту айры,

Мал катары калыптыр. Элемандын тогуз уул

Айтса тилин албаган,

Айдаган жакка баспаган, Айбан чалыш жан экен. Элемандын түмөн мал Чөптөй өсүп толуптур. Элемандын тогуз уул,

Адам эмес, мал эмес,

Эки арада болуптур.

Элемандын көп жылкы, Ээн жайылып кетиптир.

Элемандын тогуз уул,

Ал жылкынын артынан Түгү калбай жыластар, Түгөл тентип өлүптүр.

Жылма болгон жамандар, Жылкыны ээрчип алыптыр. Адам көрбөй, жан туйбай, Айбандыгы артыптыр.

Ар жылкынын терисин Ар кимиси кеп кылып, Чурайына тартыптыр.

Кайда кеткен дайын жок,

Карыганда Элеман

Уламадан уласа,

Билгичтерден сураса,

Кайда кеткен кабар жок, Кара баскан тогуз уул

Көчүп конгон айлы жок.

Ай түгөнүп, жыл өтүп,

Арадан канча күн өтүп, Баласы арбын Элеман Бала азабын тартыптыр. Малы арбын Элеман Мал азабын тартыптыр.

Кузгундай көзү кызарып,

Куу сакалы узарып,

Айласы кетип, күч көрүп,

Жеткирген экен жараткан, Жетик мындай иш көрүп.

Эки көзү ириңдеп,

Токтобой мууну зирилдеп,

Көкүрөгү кирилдеп,

Мууну кетип былкылдап,

Көзү кетип жылтылдап,

Элден кепти көп угуп,

Элеман куу баш деп угуп,

Чылгый ичи өрт жанып, Чыдай албай Элеман, Чылгый мүшкүл иш көрүп.

Эл оозунда элек жок,

Элден ушак кеп угуп,

Элеман куу баш деп угуп,

Өлөйүн деп өлө албай,

Кысталак куу жанды Бул дүйнөдөн кыя албай.

Балдары жаман, малы көп,

Тогуз экен баласы,

Тогуз уулу мал чыгып,

Токтоно албай Элеман, Бузулган экен санаасы.

Төгөрөктүн төрт бурчун

Төрт айлана кыдырып,

Тогуз уулун таба албай,

Токтоно албай Элеман,

Чылгый ичи өрт жанып,

Чыдай албай бечара,

Сан казына, түмөн мал, Сарып кылып чачыптыр. Бала тилеп кудайдан,

Токтоно албай убайдан, Караргандан түнөрүп,

Кемпирине келиптир.

Балам жок деп Элеман, Кейип ыйлай бериптир:

– Ээ, кыяматтык кемпирим,

Сыр билүүчү сырттаным,

Жолдош болдук бир далай, Жолуктурган бир кудай. Бармактайда баш кошуп, Биттей кезде биригип.

Оокат жыйып, мал күтүп,

Уулум тогуз болгондо,

Төрт кыбыла жагыма

Толкуп малым толгондо,

Чоң кайгырып мен турам – Ишим кайдан оңолду!

Толуп жаткан сан кара Жамандар айдап жоголду!

Кордукка жаным чыдабай, Куу таскак бойлой конупмун. Эл оозуна курган жан, Элеман куу баш болупмун! Тогуз уулдун айынан, Токсон төөгө дилде арттым.

Жазбай аткан жаачыдан,

Өрттөн кайта тартпастан,

Жоо дегенде барчудан,

Көптү билген аалимден,

Узун кулак карыдан – Ушунча журттун баарынан

Жолдошко мынча жанды  алдым. Жолу болсун дүйнө бок, Балдарды таппай сандалдым! Малдан ачтым баарды,

Балдардын дайнын билүүгө, Кыдырттым кыйла шаарды.

Карасам көзгө илинбейт, Туна чөккөн тогуз уул Кай кеткени билинбейт!

Айың кылып эл айтат, Эчтемеси такыр жок, Элеман куу баш деп айтат! Кулакка куу баш деген кеп, Ушак болуп жетти го. Элеман куу баш деген сөз, Сөөгүмдөн өттү го!

Сакалымдын агында, Сапарым чукул барында Зарланып жүрүп өтөмбү? Бул жалганчы дүйнөдөн, Туяксыз өтүп кетемби? Эр туяксыз өтпөйт дечү эле, Туяксыз өтүп кетемби? Эр медетсиз өтпөйт дечү эле, Медетсиз өтүп кетемби?

Тоодогу жылкым тогуз сан, Толгону жээрде ала баш – Баарысы тулпар мээси жок.

Байкуш кемпир ойлочу, Тосуп алар ээси жок!

Адырда жылкым алты сан,

Аркалуу тулпар ала баш,

Алты айга минсе чыдачу – Баарысы тулпар мээси жок, Башкарып алар ээси жок. Жети күндүн бири өлүм,

Тоңкоюп кетсе кайран жан, Кудайдын кылган ишине Көтөрбөскө чара жок. Көмүлүп кетсе кайран жан,

Көп малды айдар бала жок! Бел мекчейип кеткенде, Бек мүшкүл бизге жеттиби? Белен малдын ээси жок, Элеман өлүп кетеби? Кудайдын салган буйругу, Ушундай экен көрөлү!

Элеман куу баш дегенге, Көнсөк кантет, кемпирим. Көп чыдабай баратсак,

Кол кармашып темтеңдеп, Өлсөк кантет, кемпирим!

Элеман кемпирдин сөзү боюнча жер кыдырып кеткени

Анда кемпир муну айтат: – Атаңдын көрү абышкам, Бармактайда табышкан. Балам жок деп зарланып, Көп кетирбегин алымды. Талак кылгын абышкам, Сан казына малымды! Бала – байда, малың – жут, Жакшы тилек баштайлы. Кысталак куу малды,

Кылчайбастан, абышкам, Талак кылып таштайлы.

Айтканым ушу, билип ал, Ай, абышкам тилимди ал! Кол кармашып алалык. Касиеттүү мазардын, Бирөөн койбой чалалык! Арбын дүйнө көп малдын, Барын чачып үрөйлү.

«Баласыз» сөздү укканча, Алда таала кудайдан, Бир баланы тилейли.

Кемпирден кызык көп көрүп,

Кейип турган Элеман, Кемпирдин сөзүн эп көрүп, Бир баланын айынан Жөө тентип жолду баштады. Жоболоңдуу сансыз мүлк, Талак кылып таштады.

Ай-ааламды сыдырды,

Кулак угуп көз көргөн, Касиеттүү мазарды Калтырбай баарын кыдырды.

Таман ташка оюлду,

Такым эттин баарысы Жаш кайыштай чоюлду.

Чама чарчап ал кетип,

Бир баланын айынан

Тамандан кара кан кетип,

Көз жетпеген мунарык,

Суусуз какыр чөл көрүп, Бир баланын айынан Эче мүшкүл тең көрүп.

Өткөн иштин жайынан,

Бир баланын айынан

Буркурап ыйлап эки чал, Буудай батпас оозго Буканын башы чак келди.

Таруу батпас оозго Тананын башы чак келди.

Кысталак бала үчүн

Кымыз ичпес Элеман,

Кыйгыл сууга зар болуп,

Май жебеген Элеман,

Бала деп тентип кор болуп,

Таңдайга каткан шилекей

Көз чачырап акактап,

Бир жутарга зар болуп, Каптап бала тапчудай, Карып болду Элеман. Кайран жанын кууратып, Арык болду Элеман.

Жер үстүнө даңкайып, Батпай барат Элеман. Эки күнү бир жерге Жатпай барат Элеман.

Бала бер деп кудайга,

Көөдөнгө батпайт көп санаа,

Карып болуп Элеман, Көзүнүн жашы он талаа. Бала сурап кудайдан, Карып болду Элеман.

Каны калып бир кашык, Эти калып көк жашык, Арык болду Элеман. Ашуу ашып, таш басып, Кеткен экен Элеман.

Бакырлыгы башына, Жеткен экен Элеман.

Эгем берген эки бут, Шилтей албай ал кетип.

Кызыл ашык, бейбелчек,

Кыйрап кара кан кетип,

Кең дүнүйө тар болуп,

Бала сурап кудайдан

Байкуш чал мынча кор болуп,

Карыпка башы капталып,

Чекеси күнгө какталып,

Ал Медиян чөлүндө,

Адыр-күдүр белинде, Ээр белдей бел экен.

Ал белести эңкейсе, Баабедин мазар дээр экен. Азган-тозгон бакырлар, Өнүп кетчү жер экен.

Касиеттүү мазарга.

Барып жетти эки жан.

Тамандар ташка тилинип,

Карыптыгы билинип, Казкалдак деген бир куш бар Кайрылбай учат талаа үчүн.

Карып болду Элеман,

Бир медер көрөр бала үчүн.

Баабединдин мазарга

Барып жетти бакырлар, Барып кумар жазарга.

Акырегин жоорутуп,

Артыкча көөнүн оорутуп,

Ничке жолун төтөлөп,

Кемпири чалын жетелеп,

Баабединдин мазарда,

Чук теректин түбүнө,

Аккан булак боюна,

Абышка кармап, берки ыйлап, Кудайга үнү угулду.

Чук теректин түбүнө, Абышка менен кемпири Жер кучактап жыгылды. Кемпир чалын кучактап,

Кейип ыйлап турганда,

Кайың ыйлайт, тал ыйлайт,

Карып болгон экөөнө Кара жердин үстүндө Караргандын баары ыйлайт. Абышка-кемпир – эки чал, Карып болгон эки жан. Колун сууга малышып,

Кол дааратын алышып.

Бутун сууга малышып,

Бүт дааратын алышып,

Семиз бээнин этинен, Чың жасаган күл азык Белден чечип алышып.

Уй башындай жанаяк –

Жанаякка салышып,

Бөлүп жутуп алышып,

Карып болгон Элеман,

Моюнуна курун салышып,

«Алда, бала берсең», – деп,

Ал мазарга жалынып;

Чечип тонун жазданып,

Кутпа жакты баштанып, Чырым этип тынч алып,

Чыканактап уйку алып,

Азган-тозгон карыптар Алп уйкуну салды дейт. Аябай уктап калганы,

Кубанса болот пендеси Кудуреттин ишине. Бир чал кирди ошондо Абышканын түшүнө.

Элемандын талаада көргөн түшү

Сыягы бөлөк, заары күч,

Ак селдеси башында,

Өзү токсон жашында – Көрсө, Кызыр ал экен.

Элеманга жолугуп,

Эстетип турган чагы экен.

Ал Элеман байкушка

Ал адам айтты мындай кеп: – Малыңды таштап, бала издеп, Карып болгон экенсиң.

Бала сурап кудайдан,

Арык болгон экенсиң.

Ай, Элеман, байкушум,

Тогуз уулуң бар эле,

Тогуз уулдан түңүлүп, Издегениң бала эле.

Алда таала кудайга, Дайын болду тилегиң.

Буйрук алып Алдадан,

Сизге бала берүүгө Арачы болуп жүрөмүн.

Алда таала кудайга, Кабыл болду тилегиң.

Уйкудан чоочуп карачы, Колуңдагы алманы – Ой, Элеман бай, карачы! Бээлеп уккан сөзүңө, Бергели келдим өзүңө. Айта турган өзүңө Сөзүм келди, Элеман. Аманатың берүүгө, Кезим келди, Элеман. Кемпириңди жетелеп,

Кейип ыйлап турганда, Кабыл болду тилегиң!

Колумдагы боз алма – Санап көрсөң тогуздур, Муну жесең – тогуз уул.

Оң колумда чоң алма – Муну жесең – жалгыз уул, Кагышкан душман союлат. Бере турган баланын, Аты Төштүк коюлат.

Астында буудан малы бар,

Жеке өзүнүн башында Тогуз миң жандык алы бар.

Отко салса күйбөгөн, Ойрондук жайы дагы бар.

Сууга салса акпаган, Султандык жайы дагы бар.

Аты Төштүк коюлат, Атышкан жоолор союлат.

Алп сырттаны эр болот, Алышкан кайдан соо болот.

Атса мылтык өтпөгөн,

Арстандык жайы дагы бар.

Чапса кылыч кеспеген, Мыктылык жайы дагы бар.

Сайса найза тешпеген,

Мыктылыгы дагы бар.

Жоо айласын бүт билген, Ыктуулук жайы дагы бар.

Улук да ошол, эр да ошол,

Убара болуп кудайдан, Көп жаманды сурабай,

Бир бала сура сен ошол. Тогуз жаман уул күтсөң,

Тозокко салат өзүңдү. Жалынсаң укпайт кебиңди, Кетирет сенин эбиңди.

Бөлөккө бурба санааны, Алда таала кудайдан, Сурагын Төштүк баланы.

Толгонсоң болбойт мындай жан, Жеке Төштүк өз башы

Тогуз миң уулга барабар.

Ой, Элеман, байкуш бай,

Бул алмага тоюңуз,

Эркек уулдуу болосуң, Атын Төштүк коюңуз.

Уйкудан чоочуп ойгонуп, Кемпириңди басыңыз.

Бар дарманың баарысын, Кемпириңе чачыңыз!

Бир адамга билдирбей Бир кишиге туйгузбай,

Элиңе кайта кайтыңыз.

Жабылат минтип айбыңыз,

Эркек тууйт кемпир зайбыңыз!

Алманы берип ал адам, Көздөн кайым болгону. Уйкудан чоочуп ойгонсо,

Уктап жаткан түш экен.

Уктап жаткан түшүндө, Ал Элеман байыңыз, Алмага чогуу тоюптур. Көңүлдөгү капанын Бары-жогун жоюптур.

Түш көргөн соң турабы, Жанындагы кемпирин Урбай кудай урабы.

Кемпир менен абышка, Кучакташып турушту, Кусул сууну куюшту.

Кемпир менен экөөлөп,

Өлүм орток, кан бирге Элге келди Элеман.

Элеман бай болуптур,

Элемандын сан дүйнө Жер жүзүнө толуптур.

Ай түгөнүп, күн өтүп,

Арадан бир топ жыл өтүп, Бойлуу болду кемпири. – Картайганда кемпирим, Кабылан тууп бере көр!

Жобогондо кемпирим,

Төштүктүн туулушу, кандайча өскөн кылыктары

Баабединдин мазардан,

Байкуш болгон Элеман

Кемпирин кайта жетелеп,

Жан аябай жол жүрүп, Арада эчен мол жүрүп, Жерге келди Элеман.

Ал кемпирдин баласы, Тогуз айга толуптур. Тогуз айга толгондо, Толгоо пайда болуптур.

Кара башыл көк койдон, Самсаалай тартып ирк тууду. Эр Төштүктүн энеси, Таманы менен тик тууду. Капанын баары жоюлду, Аты Төштүк коюлду.

Тоюна токсон сойду дейт, Ат чаптырып той кылып,

Ааламдын баарын чогултуп, Атын Төштүк койду дейт. Элемандын эркеси, Мойнуна тумар тагыптыр.

Кылдаткерге бактырып,

Эртең менен болгондо

Элүү кара торпокту

Садагага чаптырып,

Бирөөнүн көзү болот деп,

Катуу ырымын кылдырып,

Эл турардын алдында

Күндө тил тиш кылдырып,

Кермесин кенен кердирип,

Кермедеги тулпардан

Садагага бердирип, Көргөн адам жактырып, Күн тийбес жерге бактырып.

Төштүктүн жайын сурасаң,

Тогуз уулдун кенжеси,

Элемандын эркеси,

Жараткандын пендеси,

Найзакердин ыктуусу,

Ал кездеги алптардын

Акыл тапкыч мыктысы,

Аталган алптын сырттаны, Элемандын балбаны.

Тентип жүрүп бала таап, Ал Элеман байкуштун Түк калган жок арманы. Элемандын Төштүгү

Эрен чыкты, эр чыкты,

Жүргөнүнөн чаң чыкты, Доошунан жан чыкты.

Карсылдатып сабады. Өз билгенин калкка, Кыла берди эр Төштүк.

Койгулашкан балдарды

Койчо мууздап талкалап, Кыра берди эр Төштүк.

Каарды катуу баштады, Койгулашкан балдарды Койбой кырып таштады. Бир муштаган балдары, Чекеси кетти оюлуп. Эчен бала Төштүктөн, Өлө берди союлуп.

Эр Төштүк тентек экен деп,

Он экиге келгенде, Канчаларды камады.

Төштүк бир кемпирдин айтуусу боюнча жоголгон агаларын издегени

Катылышкан адамды, Элемандын Төштүгү

Элемандын Төштүгү,

Он экиге келгенде

Урунарга тоо таппай,

Урушарга жоо таппай,

Эртең менен энтеңдеп,

Баатыр Төштүк келатса,

Көңүлү кетти бөлүнүп,

Уй сааган бир кемпирдин Жанында эркек баласы Ойноп турат көрүнүп.

Балага Төштүк басканы,

Көрө салып ал бала,

Атасын айтып айкырып,

Энесин айтып бакырып, Бала качып антаңдап, Энесине барганы.

Элемандын Төштүгү

Калайыкка жайылды.

Жалпы балдар ошондо,

Баарысы малча багылды.

Баланы кармап алууга, Балакетти салууга, Жакын кирип барганы.

Кемпирден укту бир сөздү, Элемандын Төштүгү

Керденге салды куу сөздү. Анда кемпир муну айтат,

Адам билбес шумду айтат: – Элемандын баласы,

Каарды катуу баштадың. Ойноп чыккан балдарды

Оңдурбай кырып таштадың. Ойноп жүргөн балдарда,

Тогуз агаң өчү жок. Томпойттуң кыйла балдарды, Тогузуңдун көчү жок.

Тентиген атаң бала үчүн, Жоголгон агаң мал үчүн.

Каарды катуу баштадың,

Кара жолтой оңбогур, Катылышкан балдардын Канчасын кырып таштадың. Атаң көчкөн бул жерден, Өр таянган көчү жок. Балдарды жаман кыйраттың, Жети атаңдын өчү жок.

Кежир чыктың ой, Төштүк, Кемелиңе келбегин, Келерки күздү көрбөгүн!

Тогузуңдан айрылган, Сенин атаң Элеман Томсоруп чогуу кайгырган.

Бала өлтүрүп, журт бузуп, Басып өзүң жүргүчө, Туубай туна чөгө кал, Тирүү жүрбөй өлө кал!

Атаңдын малын талаган,

Атаң Элеманды сабаган, Кара кытай манжунун Калкын барып чаап ал!

Балбан болсоң, эр болсоң,

Башкача туулган шер болсоң, Жоголгон тогуз агаңдын Артынан издеп таап ал. Агаларың таппасаң, Туубай туна чөгүп ал, Тирүү жүрбөй өлүп ал. Сенин атаң Элеман

Эл атасы кары эле.

Элемандын өзүндө

Тогуз уулу бар эле.

Тогузу тентип кайгырып,

Сенин атаң Элеман

Тогуз уулга кайгырып,

Ардыккан бойдон сен атаң Тентип жүрүп бала таап,

Тентек тапкан турбайбы. Карганда бала таптым деп, Кумга сийген турбайбы. Сени тууган энекең Булга сийген турбайбы. Бала көрбөй атакең, Балаа көргөн турбайбы. Элемандын Төштүгү, Бээлеп сөзүм эми бил. Бээлебесең сөзүмдү, Төштүк болбой жерге кир! Бала күтпөй Элеман, Куу баш жүргөн турбайбы. Бала тууган Күлайым, Куу баш жүргөн турбайбы?

Сенин атаң, Элеман

Калк баштаган дөө эле, Сан карага ээ эле.

Атаң кайдан оңолгон,

Атакеңдин сан кара Айдап алып тогуз уул, Качып кетип жоголгон.

Ачууланбай тилимди ал, Агаларың дайынын, Аңдап угуп билип ал.

Баатыр болсоң, шер болсоң,

Бала өлтүрүп жүргүчө, Агаларың так тогуз Таап алгын, эр болсоң. Агаң кайда, эл кайда,

Аңкоо Төштүк билерби, Элемандын тентеги Агасын таппай жүрөбү.

«Агасын таап албаган

Акмак Төштүк мына» деп, Акмагың элге билинет.

«Агасын таап албаган,

Айбан чалыш болду» деп, Мойнуңа ушак илинет.

Кемпирден кейип сөз угуп, «Жаман тогуз агасын Жоголуп кеткен» деп угуп.

Агаларын укканда,

Элемандын Төштүгү

Кабырга сөөгү бөлүндү, Көздөн жашы төгүлдү. Эки көзү жайнады, Казандай ичи кайнады:

Агамды таап албасам, Туубай туна чөгөйүн, Тирүү жүрбөй өлүйүн.

Агасы тентип кетти деп,

Журттан айың көргүчө,

Шылдың болуп, таба жеп,

Минтип жүрүп өлгүчө, Жолукса, жоону чабайын. Жоголгон экен туугандар, Издеп жүрүп табайын. Агаларды таппасам, Кемелиме келбестен, Кечикпей өлүп алайын.

Ат бороюн сыдыртып,

Кулак угуп көз көргөн,

Жердин жүзүн кыдырып, Төгөрөктүн төрт бурчун Төрт айлана чалайын. Өлгөнүнөн калганын, Издеп жүрүп табайын. Элемандын эсери,

Агасын таап албайт деп, Муну кайдан угайын. Элемандын Төштүгү

Акыл ойлоп, ич күйүп, Өрттөй көзү жайнады. Чымырканып чыдабай,

Чын туткабы кармады.

Агасын таап алууга, Аңгемени салууга, Каарды катуу баштады. Кыймылдаган тирүүлүк, Кызык кечип таштады.

Агасын таап көрүүгө,

Көрүнбөсө агалап,

Издеп жүрүп өлүүгө Кылча көрбөй куу жанды, Кызык болду бул Төштүк.

Чылгый ичи өрт болуп,

Чыдай албай оңбогур, Агаларын издөөгө Ашып-шашып болбоду.

Сөлөкөтү-сөлбөтү Журт бийлеген төрөдөй. Агасы чогуу кырылып, Күйүт тарткан эмедей.

Ушак-айың кеп угуп,

Ушундай мүшкүл деп угуп,

Темир капка сарайга,

Элемандын эшикке

Каарданып сабылып,

Кайран Төштүк таарынып,

Элемандын эшикке

Ач болотту жазданып,

Кыбыланы баштанып,

Жумган көзүн ачалбай, Сунган бутун тарталбай, Каарды катуу салды дейт.

Элемандын эркеси,

Күнү-түнү он төрт күн, Аш ичпей жатып алды дейт.

Айла кетип, ич күйүп, Алапайын таба албай, Элеман эми ыйлады.

Эки беттен аккан жаш, Жаак ылдый кулады – Мында да Төштүк турбады.

– Өзөндөн аккан булагым,

Өлгөндө көргөн Төштүгүм,

Айланайын чырагым, Тогуз агаң бар эле, Тогузу катар мал эле.

Ал жамандар алдында, Сандаган жылкым бар эле.

Кайра тозгон малы жок,

Куда болгон кайны жок, Кудай урган тогуздун, Кайда кеткен, дайны жок. Айбанча тентип жоголгон, Тогуздай адам болобу. Ошол жоголуп кеткен тогузду, Ага деп айткан оңобу.

«Барса келбес, жамандар, Жерге кетти» деп угам.

«Баары кыргын бир болуп, Көргө кетти» деп угам. Ашуусу бийик аркайган, Тоодон өлдү деп турам. Агыны катуу дарыя, Суудан өлдү деп турам. Малдан ачтым баарды, Кыдырдым кыйла шаарды.

Жер кыдырып чыккамын,

Өлүү менен тирисин Жалгыз жандан укпадым.

Айланайын кулунум,

Тогуз жаман ал өлсө,

Тогузун издеп сен өлсөң, Ай караңгы бүркөлсө, Түнү эмине болучу?

Абыдан карыган Элеман, Балдарынын бири жок, Күнү эмине болучу?

Анда Төштүк муну айтат:

– Оой, атаке, не дейсиң,

Бул сөзүңдү ким уксун,

Бир караңгы түн уксун,

Катуу кара жер уксун,

Казып койгон көр уксун,

Мындан бөлөк ким уксун, – Булкунгандан силкинип, Өрттөй көзү жайнады. Качыратып ошондо, Буурадай тишти чайнады.

Айласын таппай Элеман,

Издесе Төштүк мейли деп, Темирден чокой камдады.

Элемандын байлыгы Кылым журттан артылды.

Сырттан туулган эр Төштүк,

Кырк жылы басса жыртылгыс, Кыйындап чокой тартынды. Жети жыл жесе түгөнгүс,

Элеман байдын күл азык Жайдын ысык мезгилде,

Жайдын чөбү толгондо,

Мал семирип болгондо, Элемандын сексен бээ Күз болгондо жайдырган. Сексен семиз бээ этин Күлазык кылып салдырган. Тоодой Төштүк берендин, Токтобосун көрдү эми. Колу менен күл азык

Сырттан Төштүк балага Элеман бай берди эми.

Кынсыз кылыч байланып,

Болот чокмор колго алып,

Агасын издеп келүүгө, Издеп жүрүп өтүүгө Каарды катуу баштады.

Кайран жандан ошондо,

Кара сырттан эр Төштүк Чогуу кечип таштады.

Күл азыгын шайлады,

Ар шаймандын баарысын, Белге бекем байлады.

Ээликкенден жээлигип, Азапка жанды салды дейт. Элемандын Төштүгү, Агасын издеп калды дейт. Ашуусу бийик тоо ашты, Агыны катуу суу кечти, Арадан нечен күн өттү.

Чама чарчап, ал кетип,

Арадан эчен күн өтүп,

Алты ай тынбай жол жүрүп,

Элеман байдын эрени,

Эрикпей турган берени,

Тогуз уул кенжеси,

Жараткандын бендеси Жортуулдан кайдан аянды.

Адыр-күдүр артууну,

Арстан Төштүк таянды. Эрдиги эми билинип,

Эсил жандан түңүлүп, Ээн жерге илинди.

Караса көзгө илинбейт, Эрбең-сербең эсил жан Эч бир көзгө илинбейт.

Какылдап учкан карга жок,

Куркулдаган кузгун жок,

Аюу казган ийин жок,

Же, айбан баскан чийин жок, Ашып Төштүк сабылды.

Алты ай болгон кеткени,

Жылас болгон жылкынын Жуушандысы табылды.

Анталаңдап шашканда,

Ары таман басканда,

Ээрдей белдей белести,

Эңкейип кирип барды эле,

Үч айлык болгон жылкынын Тезеги жана табылды.

Төштүк оңой уул эмес, Элемандын сырттаны Жан коюучу кул эмес.

Бетегелүү кайкаңга, Белеси бийик тайпаңга Берен Төштүк барды эле.

Сырттаның барып оолукту, Чубап кеткен жылкыны Чубатууга жолукту.

Такыядай боз дөңгө, Таянып чыгып барды эми.

Эки жагын караса,

Эл аманын кааласа,

Жерден көк кашка туман бөлүнөт – Элемандын сан кара Ушунда жаткан көрүнөт.

«Түгөнгөн атам жылкысы,

Түз талаага толуптур.

Көптүгүн көрсөң жылкынын,

Жердеги чөпчө болуптур,

Жылкы кайнап толуптур, Дүркүн-дүркүн бөлүнүп, Жердин жүзү толуптур».

Элемандын камбар ата Сары айгыр Качкан экен жайынан.

Жылкыны баштап калыптыр,

Эл көрбөстүн элкин жай Ээн калган көп жылкы Мекен кылып алыптыр. Элемандын тогуз уул

Тозуп кеткен жылкынын Тозорун билбей калыптыр.

Тогуз экен агасы,

Айбанга чалыш калыптыр, Айтса тилди түк албайт,

Айдала жолго түк баспайт, Тирүү десе санда жок, Өлүү десе көрдө жок.

Жылас болгон жылкыны

Жылып ээрчип көп жүрүп, Санга жылкы толуптур. Эң улуусу тогуздун, Аппак сакал болуптур. Ортончусу булардын, Көк ала кыл конуптур. Эң кичиси алардын, Кара сакал болуптур. Агалары Төштүктүн, Айбандыгы артылган. Жылкынын чылгый терисин, Көчүгүнө тартынган.

Теңир урган көп жылкы, Тескери чубап калыптыр.

Тозуп айдарын биле албай,

Айбанга чалыш бул тогуз Алдына басып алыптыр.

Каран калган жылкыдан

Кысыр тай кармап соё албай, Кылгандарын карачы, Жакшылап этке тоё албай. Ээрчип жүрүп жылкыны, Арык болгон кези экен. Ашка жетпей тогузу, Карып болгон кези экен. Бөрү бөлбөй, жоо чаппай, Арык болгон кези экен. Агаларын көргөндө,

Элемандын эр Төштүк

Тогузу аман табылып,

Абийири минтип жабылып,

Жылмайган калың жылкыдан

Кармап алып сал моюн, Элемандын эр Төштүк Агаларына салды оюн.

Агасын издеп чыгарда, Аябаган дүмөктү Сала келген эмеспи.

Кол башындай көк куржун Эмине бар, нелер жок, Ала келген эмеспи.

Ыраңы жашыл көк куржун, Ал куржундун ичинде Дүнүйөсү көп куржун.

Көк куржунда бедер жок, Түз болгурдун ичинде Нелер бар да, нелер жок. Агасын издеп келерде, Кең Кашкарды чалдырган.

Кең Кашкардын сарала

Буттап алтын сер берип, Сараладан алдырган. Тогуз чепкен кылдырып, Ал куржунга салдырган.

Тоо текенин терисин

Толгой кармап ийлетип, Күдөрүлөп бергин деп, Балбандарды жадаткан. Кол токмок берип балбанга, Тогуз ай тынбай сабаткан.

Көрсө көңүл кандырган, Жалаң кундуз терисин Багалакка салдырган.

Ычкыры тасма кайыштан, Муну ийлетип турганда, Далай балбан майышкан. Жылан боор бүктүргөн,

Жылас болгон бул шымды Жымырата тиктирген.

Жаманды жаман жаратып, Алда таала кылганы,

Кийгизбей Төштүк турабы, Жаман да болсо тууганы. Төштүктүн тогуз агасы, Жолу каткан иттердин, Акмактыгын карачы:

Кээ бирлери биле албайт, Кээлери кержеңдеп, тил албайт.

Агалары сапсаңдап,

Кайдан келген бузук деп, Келип алып бул эме, Бизге кылды кызык деп. Элемандын эр Төштүк – Сырттан да ошол, эр да ошол. Агаларын чогултуп, Кырсыгын чечкен жери ошол. Жете албай жүргөн агасы, Төштүктүн ишин карачы:

Кайып болгон жылкыга,

Аралап кирип эр Төштүк,

Адистиги мынчалык,

Алты кысыр, бир байтал

Жаа менен атып алды эле,

Бирөөн аман калтырбай,

Жара тартып салды эми.

Ала-Тоодой эт кылып,

Ала көлдөй чык кылып,

Таш тулганы ойдуруп,

Тамтайып жүргөн буларды

Такыр этке тойдуруп,

Жыргалын бөлөк жөнөтүп,

Тогузунун баарысын

Казы менен бөлөтүп,

Кара кычы эттерин

Кылыч менен кырды эле, Кымыз менен жууду эле, Чын ырысы жөнөдү.

Сырттан Төштүк ошондо, Агалардын баарысын Чылгый майга бөлөдү.

Агалардын баарысын,

Жашы менен карысын,

Майга бөлөп эр Төштүк, Тапкан экен дарысын.

Жылкынын кутпа четинде, Кайып экен кара суу, Мазар экен мына бу. Ошо тогуз агасын, Эки күнү бүпбүтүн Сууга салып салды дейт. Алты күнү таптакыр, Майга бөлөп салды дейт. Элемандын сырттаны, Сырттандыгын билгизди. Куржундагы кийимдер

Алып келип баарысын, Тогузуна кийгизди.

Кандагай шым кийгизип,

Жылас болгон жылкыдан

Агасынын баарына

Желбеген жорго мингизип,

Сырттан Төштүк барында

Мал болуп кеткен агалар, Жашы менен карысы, Алп мүчөлүү баарысы.

Капанын баары жоголуп,

Кадимкидей оңолуп,

Үзүлгөнү уланып,

Чачылганы жыйналып,

Жыргал көрүп тогузу,

Төштүктү көрүп кубанып,

Кысырдын семиз тайын жеп,

Жатып алып жайын жеп, Семирген экен тогузу.

Кымбаты Төштүк барганда,

Агасын таап алганда,

Кыялдын баары ачылып,

Кырсыктын баары чачылып,

Эр кутуруп оолугуп,

Агалары Төштүктүн

Кадыр түнгө жолугуп; Тогузунун башына Агарып таң сүрүптүр.

Төштүктүн тууган экенин, Төбөңдөн тийген бул тогуз Так ошондо билиптир.

Тууганым деп айтпаса, Эр Төштүккө кээ болот. Жаманды кудай жан кылып, Жаратпай койсо не болот.

Берен Төштүк турабы, Тогуздун баары семирип, Семирип тоодой болгондо:

  • Элиң, жериң кайда? – деп,Эми Төштүк сурады, – Урааның ким, жериң ким?

Тогуз агам, жооп айт, Уругуң ким, элиң ким? Тогузунун улуусу – Токтоно албай чоң сакал,

Төштүккө айтат мындай кеп, Айтып турат мындай деп:

  • Кыпчак эле айылыбыз,Көптөн бери биздердин Билинбей кетти дайыныбыз.

Олуя берген батабыз,

Элеман бай – атабыз,

Көптөн бери айрылып, Жылкы ичинде жатабыз. Кыйлага жетет кебибиз, Кыпчак эле элибиз.

Кең Кашкардын ары жагы, Кебез-Тоонун бери жагы – Эки арасы жерибиз.

Бир атадан тогузбуз,

Айбандардан өөдөрөөк,

Адамзаттан көп төмөн, Арада жүргөн доңузбуз.

Доңуз болбой не болдук,

Эс билгени биле албай,

Эселектер тил албай,

Атакебиз – Элеман,

Энекебиз – Күлайым,

Бизди мындай жараткан – Алда таала кудайым.

Малча басып кетүүчү, Кыйшык тууп салыптыр.

Ата менен энеге, Жакшылыкты тийгизбей, Мышык тууп салыптыр. Же, алдынан каршы чыкпадык, Ата жөнүн укпадык. Айлар өтүп, жыл өттү, Арадан эчен күн өттү.

Атакебиз Элеман

Көңүлү толук жай эле,

Төгөрөктүн төрт бурчун Басып турган бай эле.

Атабыздын колунда Сан жылкысы бар эле.

Тогуз уулун жоготуп,

Тозок тартып Элеман, Ушу күндө өлгөндүр.

Өлбөй тирүү бар болсо,

Көзү көрбөй, көр болуп, Кулак укпай, кер болуп, Ушундай кордук көргөндүр. Ата жайын мындай деп, Айтып алар турганы. Аны угуп эр Төштүк, Чамынып эми турганы: – Билесиңби, агалар,

Элемандын Төштүгү – Улуу-кичүү абалар!

Кайып мазар булагы,

Ал Элеман байыңдын Өлгөндө көргөн чунагы. Тогуз уулдун кенжеси, Бир кудайдын пендеси. Атам менен энекем,

Тентип жүрүп мени таап, Тоюма токсон союптур, Атымды Төштүк коюптур. Найзакерден ыктуусу, Элемандын мыктысы.

Атым Төштүк сырттанмын, Агаларым сени издеп, Атамды таштап чыкканмын.

Жоготкон жок табылып, Жоодурап турам мен эми, Агаларым табылып!

Анда Төштүк муну айтат, Адам билбес шумду айтат: – Жылас болгон жылкынын, Туура жагын чалайын. Он беш күндүк жол жүрүп, Дагы сапар кылайын.

Агаларга муну айтып, Андан Төштүк жөнөдү.

Астында минген аты жок, Жөө кыдырып келеди. Элемандын Төштүктүн

Басканына мал жетпей,

Желгенине жел жетпей,

Боз дөңгүрдү айланып,

Болоттон чокмор байланып,

Урунарга тоо таппай,

Урушарга жоо таппай,

Кирерине чөл таппай,

Кечерине көл таппай,

Кайра жаар булуттай

Каар бетине айланып,

Сыпаа жүзү бөлүнүп,

Сырттандык түрү көрүнүп,

Жана бала, жана эр

Күнү эки күн жол жүрүп,

Түнү эки күн жол жүрүп,

Ээр белдей белести

Ашып Төштүк барганда, Адыр менен күдүрдү

Басып Төштүк барганда,

Кең чалкайган мунарык, Бир кең өзөн көрүнөт.

Бул өзөндү көргөндө

Сырттан туулган Төштүктүн, Көңүлү эми бөлүнөт.

Ал өзөнгө барганда,

Оң кол жагын караса, Турган экен капка таш.

Капка ташка токтоду, Капа болуп ошондо Качанкы дартын козгоду:

– Туура жагы – Чук-Терек –

Артык мазар жаныбар,

Эр адамга бек керек,

Кеңирсиген кең өзөн Менин жерим болсочу!? Кең өзөндү ээлеген,

Конуп жаткан бул жерде Кыпчак элим болсочу. Маңдай-тескей көп кыпчак, Жатпай турган жер бекен. Топозу тогуз сан болуп, Батпай турган жер бекен. Жел аргыга салкындап, Жайлабай турган жер бекен. Сандатып түрдүү жылкыны, Айдабай турган жер бекен. Атакемдин сан жылкы, Шашкандыгы эп экен.

Атакемдин Сары айгыр, Самсып жаткан бул жерге, Качкандыгы эп экен.

Төштүктүн перинин кызы Айсалкынга жолукканы

Оң жагын байкап караса, Көрсө көңүл бөлүнөт.

Дүмпүйгөн тоонун урчукта, Дүмүрөйгөн тумшукта, Чук-Тереги көрүнөт.

Чук-Теректи көргөндө,

Сырттан Төштүк баланын Көңүлү жаман бөлүнөт.

Чук-Теректин кабагы:

Жыттуу-Булак, Таш-Булак,

Ал булактын боюнда

Алмасы чирип көң болгон,

Артыкча башка жер болгон,

Чарчысы айдың көл экен,

Алты айда келип бир убак, Жин перинин кыздары Оюн салуучу жер экен.

Кыркы келин, кыркы кыз, Так кырк күнү болгуча, Сейилге чыгып ойноптур.

Күнү кырк бир толуптур, Сексен нөкөр сулуу кыз Такыр кетип болуптур.

Касиети Салкындын, Эң башкача озуптур.

Элемандын Төштүгүн, Сегиз күн жана тосуптур.

Төштүктүн сырттан экенин, Ал Айсалкын билиптир. Кыяматтык тийүүгө,

Жети күн доорон сүрүүгө,

Эбедейи эзилип,

Эт тырмагы созулуп,

Эрте сөзү кеч болуп,

Эки көзү төрт болуп,

Ашык болуп абыдан,

Өрттөнгөн жүрөк басылбайт, Умачтай көзү ачылбайт.

Элемандын Төштүгүн

Эптеп жүрүп көрүүгө,

Көрбөс болсо Төштүктү

Каза таап өлүүгө, – Перизаттын өзү экен,

Эң акылман бул экен,

Зарыккандан саргарып, Озуп жүргөн кези экен. Элемандын Төштүгүн – Тосуп жүргөн кези экен.

Ай талаада жолугуп,

Бир сүйлөшүп кайтсам деп,

Эч болбосо курган жан

Бир жети күн Төштүккө

Бир ойношуп кайтсам деп, Күйүп турган кези экен.

Алты айчылык болорду, Азыр биле берүүчү

Керемети бар экен.

Чук-Теректин боюна

Жаңы Төштүк келгенде, Чук-Теректин боюнда Тигилген ордо көрүнөт.

Ал ордону көргөндө, Төштүктүн көөнү бөлүнөт.

Ал ордону караса,

Элемандын Төштүгү

Эң кызыгын кааласа,

Түндүгү алтын, боосу жез,

Элемандын Төштүккө Кайыптын баары болду кез!

Ал ордонун босого, Босогодо сайраган Болумдуу куштун баары бар.

Алда таала бендесин

Ар кызыкка ушинтип, Учуратат абыдан. Булбулу сайрап отурса, Муңдуу адам уккусуз.

Бул ордого кирген жан, Армандан бекем чыккысыз. Ал эшиктен киргени,

Кирген жерден таң калып, Ордонун ичин билгени. Жүк бурчуна караса, Көргөндүн көөнү бөлүнөт.

Бели кындай, бети айдай, Мелтиреген Айсалкын Тосуп турган көрүнөт. Ургаачынын узу экен, Аты-жөнү Айсалкын Беризаттын кызы экен.

Ашык болуп Төштүккө, Тосуп жүргөн табы экен. Эки ашык баш кошуп, Кошула турган чагы экен. Төбөсүнө кийгени – Алтындаган такыя.

Кызыктырат Төштүктү, Кыңшылаган шуркуя. Моймолжуган бейбактын, Ботодой кара көзү бар.

Байкап турсаң бейбактын,

Балдан ширин сөзү бар Мелтиреген бейтаалай, Айсалкын болгон нур кызы. Абайласа, эр Төштүк, Асты келбейт тургусу. Бура тартып сүйлөсө, Булбулдун үнү өңдөнөт. Самсаалаган саамайы, Тотунун жүнү жүндөнөт. Ак тамагы балкылдап,

Айдай бети жаркылдап,

Чын сулууну көргөндө,

Сырттан заада Төштүктүн

Май жүрөгү калкылдап,

Төштүк, Төштүк болгону,

Төштүк атка конгону,

Атасы Элеман бай кууганы,

Энекеси Күлайым

Көтөрүп жүрүп тууганы Мындай сулуу көрө элек, Көңүлү мындай толо элек. Денеси бошоп, күчү ооп, Акылы кетип, эси ооп.

Эр Төштүктү көргөндө, Айсалкын сөздү баштады.

Айсалкын сөзү бүткөнчө, Элемандын Төштүгү Өлүп кете таштады.

Айдай бети жаркылдап, Айсалкын эми кеп баштап, Акырын айтып, бек таштап. Токойдо өскөн мисте бар, Мистени көр, тишин көр.

Колуңду көр, белин көр, Балдан татты сып-сынык, Байкушуңдун кебин көр: – Ургаачынын узу элем, Беризаттын кызы элем. Ислам динде ыйманым,

Ырас жалгыз кудайдан,

Сырттан Төштүк баатырым, Сени сурап турганым. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айлана чалгамын. Агасына келер деп, Артыгыңды билгемин.

Сейилге келер Чук-Терек Ушундан тосуп жүргөмүн.

Назарыңды салыңыз,

Бирге турам жети күн, Жети күнү жатыңыз, Тамашага батыңыз.

Жети күнү жатканда,

Тамашага батканда, Убаданы кылыңыз, Кыямат нике кыйыңыз.

Бул дүйнөдө күйбөймүн, Жети күндүк убакты Убара болуп жүрбөймүн.

Бул дүйнөдө тийүүгө,

Убара болуп жүрүүгө,

Сенин эмгегиң калың, шоруң көп. Сенде казып койгон ор да көп, Кайнатып койгон шор да көп.

Бир түшсөң кайра чыккысыз, Жети жылдык чалуучу Жайып койгон тор да көп. Бул дүйнөдө кызыгып, Төштүк сага тийбеймин. Жети жылы мен өзүм Жесир болуп айрылып,

Тилегим катып жүрбөймүн.

Өлүүчү антың кылыңыз, Кыямат нике кыйыңыз. Элиңе аман барыңыз, Эсиңе мени алыңыз. Сырттандыгың билгемин, Көрсөмбү деп жүргөмүн. Кусадар болуп өзүңдү, Жети жыл издеп жүргөмүн. Ургаачынын узумун, Сыйкырчы бери кызымын. Каргышым ката болбогон, Кашайгырдын өзүмүн. Бендеден чыкпайт мендей жан, Ээрдимде менин сөөлүм бар. Каргышым ката болбогон, Катылган адам оңбогон. Сөзүмдү угуп көрүңүз. Азыр мага эр Төштүк,

Аманатың бериңиз,– Деп ошентип Айсалкын,

Аркардай таңын кылайтып,

Акырын сүйлөп муну айтып,

Адамдан бөлөк бейтаалай,

Ак эмчегин булайтып, Жаткан жайы Чоң ордо, Көгала майдан шибер чөп. Жети күн мезгил өткүчө, Ойной турган ошол кез.

Таңда макшар күнүндө,

Таамай жолдош болгун деп, Эр Төштүк кылды убада.

Кыл көпүрө, тар жайда,

Кызык жолдош болгун деп, Кыйын кылды убада.

Беризаада бейтаалай

Берениңе кезигип,

Белден төшөк салышып,

Төштүк менен Айсалкын

Кошулушуп калышып, Талаага ордо курушуп,

Талыкпай ойноп турушуп,

Кыяматта тийүүгө,

Кол кармашып жүрүүгө

Убаданы бек кылып,

Өлүп кетер шерт кылып,

Күкүк менен Зейнептей

Кошулушуп турушуп,

Өзү көргөн оюндан

Бирөөн койбой кылышып,

Ойноп ойнун кандырып,

Жатып жамбаш талдырып,

Өз эркинче болушуп,

Ай талаага конушуп,

Таң кашкайып сүргөндө,

Жерге жарык тийгенде Чукуранып ойгонуп, Колунда алтын шекерин: – Белекке бердим алыңыз, Элиңе эсен барыңыз.

Тогуз кыздын кенжеси, Аты болгон Кенжеке, Колукту кылып алыңыз. Таңда макшар күнүндө, Кезигелик, аман бол. Элим пери шаарына, Эки жылга барбаймын. Көргөн менен билгенге Шерменде болуп калбаймын.

Ашыктыктын жайынан, Төштүк сенин айыңдан, Ай талаага конупмун. Айкалашып мен эми, Талаада катын болупмун. Өлө турган оюмда, Сенден болду боюмда.

Сенин да балаң, мен балам, Кудайдын салган буйругу Ушундай экен көрөлү.

Курсакта калган баланы, Куу баш чал таап берели.

Атакты мындан алалык,

Ботолуу кылып бир жанды, Абийирди мындан табалы.

Курсактагы баланын, Эркек болуп чунактын Коюлар аты Бокмурун.

Төгөрөктүн төрт бурчун

Төрт айланта малы курчаган, Күн Чыгыш менен Күн Батыш, Жайнап малы толуптур. Жайнаганы курусун,

Малы арбын, бала жок Көкөтөй куу баш болуптур. Топозу токсон миң болгон,

Доораны журтка дүң болгон, Жумуру баштуу адамдан Көкөтөй бай болду дейт. Көктөйдүн дүнүйөсү, Көктөмдө чөптөй толду дейт. Ал Көкөтөй байыңыз

Алтымыш катын алыптыр, Туяк көрбөй калыптыр.

Мал көзүнө карабай, Канчалык дүйнө малдарын Бала үчүн сарып кылыптыр.

Оңбой жүргөн Көкөтөй

Колоттон туман табылып,

Жер айрылып кыбырлап,

Асмандан кара жамгыр шыбыргак, Ызгаар жүрдү бөлүнбөй, Жердин бети көрүнбөй.

Суук бороон салдырып,

Төштүктүн көөнүн калтырып,

Караса көзгө илинбей,

Кайыптын кызы бейтаалай Кай кеткени билинбей.

Күндөн-күндөн күн өтүп, Күн бөксөрүп түн кетип, Тогуз айга толуптур. Перинин кызы

Байкуш бейбак канетсин,  Чыңырып ыйлап чыркырап, Беринин кызы бейтаалай, Чындап эми Айсалкын

Бек толгоо тартып ичи ооруп,         Мунажат кылып буркурап.

Айсалкын Бокмурунду төрөп,

Көкөтөйгө алып барып бергени

Ооруган жерин басайын, Умачтай көзүн ачайын. Арбын дүйнө көп малга, Жеткиземин санааңа.

Ээ кыламын өзүм Бокмурундай балаңа.

Сыртынан көрүп тартайын,

Журт төрөсү Көкөтөй Балаңды берип кайтайын.

Ал Көкөтөй байкушту,

Балалуу кылып тартайын, –

Деп, ошентип, Айсалкын,

Албан түрдүү кеп айтып, Берилерче дуба окуп, Күндү кыйын жаадырды.

Тарк осуруп, тырс чычып,

Тоо-тоолордун башына,

Кара булут жабылып,

Айсалкын, Толготор кези болуптур.

Көкөтөй байды көрүүгө, Бокмурундан баланы

Айсалкын Бокмурунду төрөп,

Көкөтөйгө алып барып бергени

Байкуш бейбак канетсин,  Чыңырып ыйлап чыркырап, Беринин кызы бейтаалай,    Чындап эми Айсалкын

Бек толгоо тартып ичи ооруп,        Мунажат кылып буркурап.

Аманат кылып берүүгө…

Он эки мүчө, кырк тамыр,

Таптакыр ооруп зыркырап,

Көңүлү кетип бөлүнүп,

Көзүнөн жашы төгүлүп,

Арка чачы бөлүнүп,

Ажал жетип ошондо,

Өлүүчүдөй көрүнүп,

Беризаада бей таалай Чыңырган бойдон жөнөптүр. Байкаранын Кара таш,

Басып барып төрөптүр. Мына ошондо Айсалкын, Киндигин өзү кесиптир.

Кайыптын кызы бейтаалай Баласынан безиптир. Курмушуга ороптур,

Куржунуна салыптыр,

Көкөтөйдүн Ойсул ата сан төөлөр Алып жетип барыптыр. Ошо төөлөр ичинде, Кыбыланы баштанган Кыйшык өркөч кызыл нар. Касиети эң башка, Кызыл нарда кызык бар.

Төө караса Көкөтөй,

Кызыл нарды көрүүчү,

Кызыл нарды көрбөсө,

Өз башын өзү койгулап, Кыйкырып жүрүп өлүүчү.

«Малдын ээси Көкөтөй

Кызыл нарга келер» деп,

«Келер замат баланы

Өркөчүнөн көрөөр» деп,

«Жылаңач этке салар» деп,

«Күл канышым тууду деп,

Алып жетип барар» деп,

«Ит болбосо Көкөтөй,

Алдейлеп муну багар» деп, Акыл ойлоп Айсалкын,

Беризаада бейтаалай

Төрөгөн эркек баласы, Көкөтөйгө берүүгө Эми кетти санаасы.

«Бокмурун атка консун» деп,

«Көкөтөй уулу болсун» деп,

Чылгый канга боёлуп,

Жаш баланы колго алып, Төө ичине барды эми.

Кыбыланы баштантып,

Чөгүп жаткан жеринде

Көкөтөйдүн кыйшык өркөч

Кызыл нар, Кымбаттыгы кыйла бар.

Беринин кызы бейтаалай Кызыл нар кармап алганы. Куржунга салып баланы, Өркөчүнө байлады.

Кайра байлап кабыштап,

Кызыл нарга табыштап,

Буйладан кармап буркурап, Муңканып ыйлап чыркырап:

– Айланайын, кызыл нар,

Айбандан башка жаныбар,

Өркөчүңө капшырам,

Ымыркай жаш баланы Нак өзүңө тапшырам.

Оонап ийсең жаман ат,

Ал Көкөтөй байкушка

Ымыркай жаш баланы Бере көргүн аманат. Майып кылсаң баланы, Иттигиңди билермин.

Таңда макшар күнүндө Кара эшек кылып жүрөрмүн! Бери деген атым бар,

Мээнетимдин айымдан,

Берип кетем баламды,

Эр Төштүк жайынан, Эң уяттуу айынан.

Бөлүнттүм эми санаамды, Аманат кылдым баламды.

Куржунга байлап капшырып, Кызыл нарга тапшырып, Кайып болду Айсалкын.

Мына ошондо кызыл нар

Кутпа карап бет алып,

Көкөтөйгө көтөрүп,

Айбан да болсо жашыган,

Кызыл нардын санаасы, Бар-бар-бар-бар ыйлайт,

Баркырап бала бек ыйлайт, Төштүк эрдин баласы.

Калайык байы Көкөтөй

Баданадан тон кийип,

Мааникер тулпар ат минип,

Сексен балбан кошчу алып,

Алтымыш мерген баш алып,

Акыл айран бөлүнүп,

Артык чоң бай Көкөтөй

Ала-Тоодой көрүнүп;

Кутурган байдын колунда Балбан, мерген баары бар.

Кулан кууп калышып,

Кутурган экен Мааникер,

Оозу менен алышып,

Даңканы артта дыркырап, Учуучудай чыркырап.

Тулпарлыгы көрүнүп,

Аңга келген балбандан

Алты күндүк бөлүнүп,

Чоң обоого дыркырап,

Канаты бар Мааникер

Учуучудай зыркырап,

Куйрук жалы бириндеп,

Көкөтөйдүн Мааникер

Учуучудай дирилдеп,

Төө өрүшкө келгенде

Бугудай мойнун бурду эле,

Буудандыгы ушундай,

Айбандан эстүү Мааникер Тушагандай турду эле. Мааникер баспай турганы, Капа болуп Көкөтөй:

«Айбан малдын баашасы,

Сан тулпардын тазасы,

Күн чыгыш менен Күн батыш

Күүлөнүп чуркап жетүүчү,

Арам өлгөм Мааникер,

Алда кандай болду» деп,

Мааникерди жемелеп;

Мааникер баспай сандалып, Кан Көкөтөй ошондо, Карап турду таң калып:

«Кыйшайган экен биздин түш, Мааникер жүрбөй калат деп, Кылымда барбы ушул иш! Малым түмөн, балам жок,

Каран малдын ичинен

Баладай көргөн Мааникер Ичим күйүп, боорум чок. Мааникер жүрбөй калганда, Кандай болот дүйнө бок! Тулпар баспай талаада, Кан Көкөтөй өлөбү? Кысталак Көкөтөй Кыямат жүзүн көрөбү? Сандап жаткан дүнүйөм Сапырылып кетеби? Байкуш болуп Көкөтөй, Баласыз бойдон өтөбү? Өзөн бойлоп конобу, Өрт өчкөндөй болобу?

Малды чачтым, кыдырдым,

Таап алган балам жок,

Мааникер жүрбөй калганда Өзүңдөн башка чарам жок!

Төгөрөктүн төрт бурчу, Медийендин беш бурчу Байкап карап отурсам, Жык эле толгон малым бар. Жылас малга ээ болгон, Көөдөндө жалгыз жаным бар.

Көз жумулса кокустан,

Артымда эркек балам жок, Эмине кылар чамам бар!

Жердин үстүн байкасам, Кулак угуп, көз көргөн Жердин баары нар толот.

Баласы жок куу башты, Кан Көкөтөй дедирип, Жаратпай койсо не болот!

Адам, он эки зайып алганым, Он экиси төрөбөй, Туяксыз болуп калганым! Артта тукум калса деп,

Сарып кылдым малымды. Жаратканга зарланып, Кетирдим далай алымды!

Сан түмөндөй малымды,

Карыптарга үрөдүм,

Мазардуу жерге түнөдүм, Мында бала көрбөдүм!

Айланы таппай сандалып,

Бир бала деп саргарып,

Жалынсам бала берер деп, Сегиз сарай казынам Балталап оозун ачтырдым.

Жетим менен жесирге,

Чолок, сокур, майыпка

Сарып кылып чачтырдым, Мында да бала көрбөдүм!

«Бала бер» деп зарланып, Же каза таап өлбөдүм!

Көп кетирдим алымды, Чачтым дүйнө малымды. Жана бала туяк деп,

Кырк миң атан алдырдым,

Жоорубас кылып чомдоттум, Шаймандарын оңдоттум.

Кызыл алтын, ак күмүш Кырк миң нарга жүктөттүм.

Жердин үстүн кыдырттым, Жеткен жердин баарына Бере бердим садага.

Кожолордон бата алдым, Март Көкөтөй атандым, Мында бала көрбөдүм!

Акундарга ат бердим,

Арбын дүйнө малымды

Тилек кылып бат бердим, Мында бала көрбөдүм!

Куу дүйнөнү бат бердим,

Дубана менен эшенге

Куйругу кучак ат бердим, Мында бала көрбөдүм!

Бадананы кийгенде,

Мааникерди мингенде,

Канаттуудай уччу эле, Мааникерди мингенде Эсимден бала чыкчу эле! Төрөсүнгөн Көкөтөй

Сейилге келем деп келип, Төө чекесин көрөбү?

Мааникер жүрбөй бул жерде, Кан Көкөтөй абаңыз О дүйнө жүзүн көрөбү?!

Атаңдын көрү Мааникер,

Арам өлүп союлгур,

Кузгун куран окугур, Жору көзүң чокугур. Кысталак Мааникер, Кыштын күнү болгондо

Жал, куйругуң тарадым.

Бир адамга ишенбей, Бир күнү үч жолу карадым!

Кыш суугу өтөт деп,

Үртүктү кабат жаптырдым, Ак сарайга бактырдым.

Минтип баккан мал элең,

Жайдын ысык чилдеде

Күн аптабы тиер деп,

Тунук булак, тоо башы,

Муздак жайга токтоттум, Тогуз төбө оттоттум!

Ушундай баккан мал эле,

Ачууланып Көкөтөй,

Чоң булдурсун камчыны Кармай калып имерди.

Каң дедире Көкөтөй, Мааникердей тулпарды Касага тартып жиберди.

Каарланып тырышты, Мааникер менен урушту.

Баспай коюп Мааникер, Кан Көкөтөй карынын Башына салды жумушту.

Күп-күп этип күүлөнүп, Күрсүлдөдү Көкөтөй, Мааникерге сүйлөнүп:

– Тери оору чалдыбы,

Эмине болдуң, Мааникер, Тегиңди кудай алдыбы? Багалчагың бир тутам Бака болуп калдыңбы? Согончогуң бир тутам Чочкодой болуп калдыңбы? Улутунуп ич тартып, Турган экен Мааникер. Кан Көкөтөй ошондо,

Мааникерди жемелеп,

Мааникер турду ошондо, Кара жерди тебелеп.

Калк аманын кааласа,

Кан Көкөтөй караса,

Ээр белдей нагыстан,

Ат өтпөгөн жапыстан Оргуп чаңы бөлүнөт.

Оргуган чаңды караса,

Төө султаны – Кызыл нар

Касиети бир далай –

Кан Көкөтөй абакең

Жыл маалында Кызыл нар,

Кызыл нарды көрчү эле, Кызыл нарды көрбөсө, Куса болуп өлчү эле.

Көкөтөй анткен себеби, Ойсул ата Кызыл нар – Ойсулуңдун өзү ошол.

Өзү турмак Кызыл нар, Караган кара көзү ошол! Касиети башынан Озуп чыккан кези экен.

Айтайын десе тили жок, Кан Көкөтөй карыны Тосуп чыккан кези экен. Билген жанга бир кадыр, Түнгө салар кези экен. Ааламда жок жакшылык Күнгө салар кези экен! Мураа болуп Кызыл нар, Келе турган кези экен.

Өркөчүндө баланы, Кан Көкөтөй ээсине, Бере турган кези экен.

Көкөтөйдүн Кызыл нар,

Маң-маң-маң басып,

Чуудаларын чаң басып,

Төрт аягын тең басып,

Эки өркөчүн коркойтуп,

Өрдөктөй мойнун койкойтуп,

Азууларын аркайтып, Алдыңкы эрдин шалпайтып, Көкөтөйдүн келгенин Көргөн экен Кызыл нар. Көкөтөйгө бала таап, Келген экен Кызыл нар.

Көкөтөйдү көргөндө,

Касиеттүү Кызыл нар

Чуудалары бөлүнүп,

Көздөн жашы төгүлүп, Көкөтөйгө келгенде Чөгүп берди Кызыл нар. Көзүнүн жашын көл кылып, Төгүп берди Кызыл нар.

Өөдө кылбай тумшугун, Катып алды Кызыл нар. Камчыласа турбастан, Жатып алды Кызыл нар.

Көкөтөй турду тырышып,

«Каран калган буларга

Эмине болуп кетти» деп, Кызыл нар менен урушуп. Кызыл нардын эсебин Тапмак болду Көкөтөй.

Кызыл нарды ошондо,

Кылыч менен үч бөлүп,

Чапмак болду Көкөтөй. Эсебин эми табарда,

Эңкейип башын чабарда,

Көңүлү кетти бөлүнүп,

Ал Кызыл нар өркөчтө Бир куржун турат көрүнүп.

Ал куржунду көргөндө,

Кан Көкөтөй карынын Көңүлү кетти бөлүнүп, Көзүнүн жашы төгүлүп.

Көкөтөй карып бир байдын,

Баласы жок бул жандын, Ичинен чыгат чоң бузук,

Куржундан чыкты бир кызык.

Бар-бар-бар ыйлайт, Баркырап бала бек ыйлайт.

Баланын үнүн укканда,

Бай Көкөтөй карынын Көңүлү кетти бөлүнүп, Көзүнүн жашы төгүлүп.

Тизеси жерге бүгүлүп, Мааникердин үстүнөн Учуп түштү жүгүрүп.

Кызыл нарды карата

Көкөтөй барат калдактап, Басып барат далдактап.

Эркекпи экен, кызбы экен,

Ата көтөк-татай деп,

Куржундагы баланы

Ала коюп караса, Калтасына караса Кембагалдын кабындай. Чочосуна караса, Айбалтанын сабындай.

Кайыптан бала табылып,

Кан Көкөтөй байыңдын

Абийири минтип жабылып,

Бала көрбөс куу баш жан,

Бала көрүп турганда, Бото көрбөс Көкөтөй,

Бото көрүп турганда,

Сүйүнгөндөн кызарып,

Канаты карыш узарып,

Эт жүрөгү болкулдап,

Дене бою солкулдап, Сүйүнгөндөн чыдабай, Көкөтөй ыйлай баштады.

«Өңүмбү, – деп, – түшүмбү?» Кан Көкөтөй ошондо, Малдан кечип таштады. Ала коюп баланы,

Маңдайынан бир жыттап,

«Чырагым,– деп, – тукум, – деп, Баш мүлжүрүм ушу», деп,

Болжолуу атын баланын

Бокмурун деп койду эми, Муну менен ал бала Көкөтөй уулу болду эми.

Мойнуна курун салынып,

Жаратканга жалынып,

Кыйшык өркөч Кызыл нар Баабединге чалды дейт.

Кайра тартып ошондо, Кары бабаң Көкөтөй, Ыйлап жүрөт ошондо. Коюнундагы жаш бала Ыйлап жүрөт ошондо.

Баабединин бат айтып,

Ай туякка ат айтып,

Кайыптан бала табылып, Кан Көкөтөй шордуунун Абийири минтип жабылып: – Ээсиз малды көп жыйдым, Не мураска жетейин.

Ай туякка бул жерде, Атымды чалып кетейин. Тилегеним кашыма, Келип калган көрүнөт. Сураганым бир кудай, Бере турган көрүнөт.

Малым түмөн, балам жок,

Балам болуп турганда,

Каран калган көп малды Аяп калаар чамам жок.

Мааникер көздөй умтулуп,

Чаламын деп жутунуп,

Ат көзүнө карабай,

Мал бүткөндүн баарысын

Мал экен деп санабай,

Мааникерге жетерде,

Чылбырдан кармап аларда,

Эми жетип Көкөтөй,

Ай туякка чаларда,

Андай-мындай дегиче,

Ачып көздү жумгуча,

Ак селдеси казандай,

Айкырса үнү азандай,

Толкуну тоонун желиндей,

Толкуса жанды жегидей,

Ничке жолду төтөлөп, Камбар ата боз айгыр Алган экен жетелеп. Айгырды алып келген жан – Олуяттын өзү экен.

Мааникерди ошондо, Канын сурар кези экен: – Кубанып көөнүң толуптур, Бир башың эки болуптур.

Баатыр, арбайып канжар алыпсың,

Айбандан башка Мааникер Ай туякка чалам деп, Калбаны кызык салыпсың. Уят болот мунуңуз, Ошо жерге туруңуз. Кагышка минер Мааникер Карып кылып салбаңыз.

Түпөктүү найза колго алып, Түйшүккө минер Мааникер.

Кандуу кылыч колго алып, Кайраттанып баатырлар, Казатка минер Мааникер. Бай Көкөтөй карыя, Мааникер сойбо чунайып. Ушу тулпар Мааникер Балаң Бокмурунга ылайык! Кынсыз кылыч байланып, Кыргынга минер мал экен. Кырк күнчүлүк чөл келсе, Суусабастан Мааникер, Чыдап берер мал экен.

Айткан тилди алыңыз, Олуяттын өзү элем.

Камбар ата Боз айгыр, Боз айгырды чалыңыз. Бай Көкөтөй карыя, Олуят тилин алганы. Кармап алып Боз айгыр, Боз айгырды чалганы. Муну менен Мааникер, Аман-эсен калганы.

Олуят чал муну айтат, Ойлосо кыйын шумду айтат:

– Төөдөн тогуз миңди сой, Балаңдын аты Бокмурун, Байкап атын билип кой.

Моюнуна тумар тагыңыз, Бирөө душман болбосун, Колуң менен багыңыз!

Деген сөзгө көнүңүз,

Жетиге бала чыккыча,

Жети жүз кара торпокту Ар күн эрте Көкөтөй, Садагага бериңиз. Сан казына көп малды, Сарып кылып үрөңүз. «Өлгөндө көргөн балам», деп, Өмүрүн жакшы тилеңиз! Артык болду мунуңуз, Аман болсо уулуңуз!

Жазы белес кыядан, Жалгыз болду уядан.

Аккан тунук булактан,

Мааникер атың сугарар.

Кан Көкөтөй ашы деп, Аман болсо бул уулуң, Ааламга атың чыгарар.

Олуят чал муну айтып,

Олуят берген Боз айгыр, Көкөтөй союп койгону. Андай-мындай дегиче,

Ачып көздү жумгуча, Алиги турган олуят Көздөн кайым болгону.

Мында ошондо Көкөтөй,

Баабединин бат айтып,

Мунажатын жат айтып, Айылын карай жөнөдү. Айта-буйта дегиче, Ачып көздү жумгуча, Айылына жетип келгени.

Байбичеси Күлканыш,

Күлканыш эркек тууду деп, Журтуна кабар берди эми.

«Бала көрбөс Көкөтөй

Бала көргөн экен» деп, Асманга учту топурак, Адам кайнап топурап. Кары-жашы жүгүрүп,

Калың эли сүйүнүп,

Бээ баштаган беш миңди Береги тойго сойду дейт.

Муну менен Бокмурун,

Аккан тунук булактан,

Мааникер атың сугарар.

Элемандын эр Төштүк

Чыканактап уйку алып,

Чырым этип тынч алып,

Жатып жамбаш талдырып,

Уктап уйку кандырып,

Беринин кызы Айсалкын

Көкөтөй уулу болду дейт.

Муну мындай таштайлы,

Төштүктөн кабар баштайлы

Төштүктүн Саргыл атты таап алганы

Бейбагы түшүп эсине,

Уйкудан чоочуп ойгонсо, Катыны тургай кайыбы жок. Беризаада бейбактын Кайда кеткен дайыны жок.

Эр сырттаны эр Төштүк

Уйкудан туруп ээлигип, Жана жүрдү желигип.

Желгенине жел жетпей,

Басканына чаң жетпей,

Колуна таяк таянып,

Сырттаның кайдан аянып –

Ээр белдей дөбөнү Эңкейип Төштүк барды эле, Асмандан мунар бөлүнөт. Чыйырчыктай сарала Жана жылкы көрүнөт. Ал жылкыны караса, Мал аманын кааласа,

Элемандын сан дүйнө

Төштүктөн мурун төрөлүп, Элемандын көп жылкы Кеткен экен бөлүнүп.

Ал жылкынын ичинде,

Канаты бар кара бээ Жылкыны баштап кетиптир.

Буурсун тийген чийин жок,

Суур чукуган ийин жок, Эркин өсүп жатыптыр. Ал жылкынын сөөлөтү Ашып-ташып жөнөптүр.

Канаты бар кара бээ,

Теке саргыл тулпарды Элемандын Төштүккө, Ылайыктап төрөптүр.

Теке саргыл бууданы, Жашы асыйга толуптур.

Саргылдын жайы ушундай,

Кең көкүрөк, тайкы жал, Керишке минер мал экен. Элемандын Төштүгү

Кең ырыстуу малды таап, Теги ырысы бар экен.

Айбандыгы абыдан, Озо чыкты Саргылың. Элемандын Төштүгүн, Окуранып окшоңдоп, Тозо чыкты Саргылың.

Ал Төштүктү көргөндө, Бугудай мойнун бурганы. Эр Төштүктүн алдына, Мойнун тосуп турганы. Жүгөн катып караса, Мал аманын кааласа,

Айбандан бөлөк түрү бар, Жаралат экен мындай мал. Куйругу саяң, жалы бар, Ошондой сулуу жаныбар. Туягында тура жок, Туура тулпар өзү экен.

Туш келтирип жараткан, Эр Төштүктүн өзүнө Алып келген кези экен.

Элемандын Төштүгү,

Бээ баштаган беш тогуз

Баабединге чалды дейт.

Жоготкон жогу табылып,

Теке Саргыл бууданды

Минейин деп камынып,

Токум салып караса,

Көңүлү кетип бөлүнүп,

Карап турса жаныбар

Опол тоодой көрүнүп, Чоочуп намаз окунуп, Чоң кызылды токунуп.

Жоо кийимин кийинип,

«Ай кудай» деп сүйүнүп,

Жалгыз дарты Төштүктүн – Айсалкын таппай күйүнүп. Дүңгүрөтүп жылкыны

Түгөл айдап алды дейт. Эртеги кеткен эсил мал, Эми жолго салды дейт.

Ашуу ашып, таш басып, Аныктап айдап калды дейт.

Тоңкойгон ылдый коо кечип,

Топойгон бийик тоо өтүп,

Аянбастан жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Ат талыгып зерикпей,

Арстан Төштүк эрикпей,

Адыр-күдүр баткалга

Айдап келди жылкыны, Агалары жатканда.

Ободон жылдыз кошулуп,

Элемандын сырттаны

Ашуу ашып, таш басып,

Агаларына кошулуп,

Жаккан отун өчүрүп,

Агалардын баарысын

Жан-жабылта көчүрүп,

Кең Кашкардын ары жагы,

Кебез-Тоонун бери жагы,

Кер өзөн талаа жер тапты, Көрсөң кыпчак эл тапты.

Олуят берген батасын, Элемандын сырттаны Аман тапты атасын.

Элеман жайы оң болду,

Тогуз уулу он болду,

Дөөлөтү ташып чоң болду, Тогуз уулдун сырттаны Тоодой Төштүк зор болду.

Топосу токсон сан болду,

Дөөлөтү жерге батпастан, Эсеби жок Элеман

Кыпчак журтка кан болду.

Ордо күтүп кан болуп,

Орундуктуу жан болуп, Үзүлгөнү уланып,

Чачылганы жыйналып,

Жоголгон мал, баш табылып, Жоругу минтип жабылып,

Азган бир мал, баш табылып,

Абийри минтип жабылып,

Кең талааны жердеген,

Кең кыпчак журтту ээлеген

Элеман бай болду дейт – Элемандын мал-мүлкү Жер үстүнө толду дейт. Баатыр Төштүк уулу бар, Чалды кудай колдоду. Элемандын эшикке, Май көл, сүт көл орноду. Кулак угуп, көз көргөн, Жанда мындай болбоду.

Баласы арбын, малы көп, Байкаса чыкпайт мындай жан. Эң ырыстуу дөөлөтмөн Эселек тууган мындай кан. Мал жыйнаган санаасы, Бойдок экен баласы.

Мал эсеби санда жок, Бузулган экен санаасы. Баласы арбын Элеман

Тарыктыгын койбоду. «Бул жалганды мал менен, Күтсөмбү» деп ойлоду. Төштүк тапкан сан кара, Жалгыз тайдай ойлоду.

Акылы кыска, пейили тар, Ал Элеман чоң байдын, Абийри кеткен кандай кан. Бул жалгандын баарысын,

Ээлеймин деп Элеман,

Балдары келсе той кылбай. Айылдаш экен Сараңбай, Алыс экен Алаңбай. Алаңбайдын байлыгы, Элеманча бар экен.

Телегейи тең экен;

Куруп калган Алаңбай, Ичин карап отурсаң,

Жер жүзүнөн кең экен.

 

Алаңбай деген Элемандын коншулашы Төштүктүн келгенине той бергени

«Өлүм бар» деп ой кылбай, Куруп калган Алаңбай,

А да Кыпчак элимдин

Дөөсү Төштүк келди деп,

Алакандай бу журтту,

Азаптан сууруп алуучу

Ээси Төштүк келди деп,

Аз гана кыпчак бул элдин

Мээси Төштүк келди деп,

Сактап алуучу бул элди,

Ээси Төштүк келди деп,

Өйдө чыксак тогонок,

Өбөк Төштүк келди деп,

Ылдый түшсөк таянчы,

Жөлөк Төштүк келди деп, Башкача болуп жаралган Бөлөк Төштүк келди деп:

– Маңдайга бүткөн бараан жок, Байкагыла, калайык, Төштүктөн бөлөк караан жок!

Калкка кабар салалык,

Жер дүйнөнү басалык,

Жерге кирсин тапкан мал, Баарын бирдей чачалык!

Ат чаптырып той кылып,

Ай-ааламды чогултуп,

Артык кызык той кылып, Калкка кабар салалык.

Алтын таажы кийгизип,

Алтын такка мингизип,

Асыл сырттан Төштүктү

Кан көтөрүп алалык.

Төштүк бизге кан болсо, Бармактуулар батабы, Тырмактуулар тиеби?

Чокморлор сүйрөп чоңсунуп, Чоңсунган душман баарысы, Чоңсунуп бизге киреби?

Элемандын сырттаны

Деген сөзгө көнбөйбү,

Кан көтөрүп биз алсак,

Алакандай кыпчакка Коргон болуп бербейби? Айтып турган Алаңбай Акылы башка бөөдө экен. Элемандан Алаңбай Аркан бою өөдө экен. Бээ баштаган беш тогуз, Бегиликке сойду дейт.

Төө баштаган он тогуз, Той кылууга койду дейт. Ала-Тоодой эт кылды, Ала көлдөй чык кылды.

Кулак угуп, көз көргөн, Жандын баарын бет кылды.

Кең Кашкардын ары жагы,

Кебез-Тоонун бери жагы, Кең талаанын ою экен, Алаңбайдын тою экен.

Такалуудан тай калбай, Такыр тойго жыйылды.

Токсондогу жан калбай, Томолонгон баладан

Такыр калбай бүпбүтүн, Ушу тойго жыйылды.

Тулпар буту жетүүчү, Жерден баары келди дейт. Кулак угуп, көз көргөн, Элдин баары келди дейт.

Алп дөөлөрү тең келип, Алаңбайдын тоюна

Адам көргүс эл келип –

Келгендерден кеп укту,

«Элемандын тогуз уул,

Эң кичиси эр Төштүк,

Кыпчактардын Алаңбай Тоюн кылып жатат» деп укту.

Ошо тойду көрүүгө,

Элемандын сырттаны

Журт каадасын бөлүүгө,

Элемандын эр Төштүк,

Сырттан туулган бул өзү,

Тогуз уулдун кенжеси,

Бир кудайдын пендеси,

Элемандын эркеси,

Көк Темирден тон кийип, Теке Саргыл ат минип,

Көгала калкан байланып,

Көк темирден найза алып,

Көргөндүн көөнү бөлүнүп,

Көк жал туулган эр Төштүк

Сырттандык түрү көрүнүп,

Ала-Тоодой заңкайып,

Ак кулжадай маңкайып,

Өткүр да экен, шер да экен, Өзү сырттан эр да экен.

Тогуз экен агасы

Тополоңдоп жарышып, Тойго кетишти, карачы!

Агалардын улуусу,

Аксакал болуп калыптыр.

Ортончусу балдардын, Көгала сакал чалыптыр. Эң кенжеси булардын, Кара сакалга барыптыр. Баары бойдок ушулар, Кудай уруп салыптыр. Той дегенде томпоңдоп, Аңыраңдап жарышты.

Агаргандын ары жагы,

Бозоргондун бери жагы,

Алаңбайдын айлына

Азыр барып жетерде

Чынар терек түбүндө,

Аккан суунун боюнда

Сейилге чыккан сексен кыз Кызык болуп өзүнө,

Кыз көрүндү көзүнө.

Ошо кыздын ичинде:

Какылдаган кара кыз,

Тикилдеген сары кыз Бейжай экен, долу экен, Бейтаалайдын бири экен. Жаактууга жай бербейт, Жайдак атка бой бербейт. Тили ачуу, кеби заар, Тилегиң каткыр кандай жан.

Элемандын тогуз уул,

Эң кенжеси эр Төштүк,

Сексен кыз чыгып жолугуп,

Жолун тосуп калганы, Элемандын Төштүккө Чоң мүшкүлдү салганы.

Оңбогон кыз оңбоду Сырттан бала Төштүктү, Акыйнек айтып кордоду. Чечендигин билгизди,

Ченебеген Төштүктүн

Ченебеген сөздөрдү,

Сай сөөгүнө тийгизди:

– Атыңдын оозун бура тур, Төштүк,

Айбанга жолдош болупсуң,

Алдыңкы жайга тура тур, Төштүк.

Чогойно куурай чооруң тарт,

Төштүк,

Чойкоктотпой ары тарт, Төштүк. Чоң жыргал көргөн эмедей,

Чоң атаңдын боорун тарт, Төштүк. Эрбең-сербең толгонсуп, Төштүк, Эми эле киши болгонсуп,

Төштүк,

Кордоо сөз айтам муну бил, Төштүк.

Ашка барбай, апат бол,

Төштүк, Тойго барбай топот бол, Төштүк Арак ичпей, таш ичкин,

Төштүк,

Атаңдын канын кошо ичкин,

Төштүк. Элди-журтту көрдүңбү?

Тойго жыргап баратат, Төштүк. Элемандын кесилбеген топ аңги, Кайда салып баратат, Төштүк,

Кесилди бекен, жок бекен,

Катар бир туруп көрсөңчү,

Төштүк! Ката болсоң, өлсөңчү Төштүк! Акыйнек айтып ал кыздар,

Куйрук башы былкылдайт. Жолдон чыккан сексен кыз, Катар туруп тыркылдайт. Элемандын Төштүгү,

Караргандан түнөрдү.

Кызарып көзү жайнады, Ардыккандан эр Төштүк Кыпынча алы калбады.

Агаларын жыйнаса,

Кестиби деп сураса,

Кара сакал оңшоюп Ак сакалын карады. Ак сакалы ошондо, Качып-качып тарады. Кесилбеген топ бүрүк, Аңги экени чын экен. Айталаада оттогон, Маңги экени чын экен. Атакебиз Элеман, Малга кароо бай экен. Сараңдыгы атамдын, Ала-Тоодой бар экен.

Малга кароо, эң битир Эселек туулган жан экен! Тоюң менен топот түш, Тоюна барып нетели.

Бир адамга билинбей

Бир кишиге көрүнбөй, Агалар, жүрү, кетели. Адам туруп курган жан, Айбан болгон экенбиз. Баарыбыз болуп топ аңги, Болбой калган экенбиз. Адам деген санда жок, Оңбой калган экенбиз. Аш жебейли, таш жейли, Ашына барып кетели. Азыр эле баарыбыз Кайра тартып кетели!

Бузулупсуң түшүңдөн, Кутулалык агалар, Жаманатты ишиңден. Тирүү жүрбөй өлөлү,

Минтип тирүү жүргүчө Туубай туна чөгөлү!

Басып жүрбөй өлөлү! Аңги атанып жүргүчө Акыретти көрөлү!

Айбандык артык билинди,

Көрдүңөрбү агалар,

Элге аңги дедиртип,

Баарыбыздын моюнга Токо наалат илинди!

Кесек аңги дедиртип, Дууга калган экенбиз.

Айыкпаган жаманат, Чууга калган экенбиз. Эл ушактап, дуу кылчу Дууга калган экенбиз!

Элден шылдың көрүппүз, Эми ойлойлук агалар, Тири болбой өлүппүз.

Катуу арданып эр Төштүк. Кайра тартты талаадан. Өлөйүн деп өлө албай,

Өз жанын өзү кыя албай, Ардыккандан эр Төштүк, Ал дүйнөгө кете албай.

Көк жолборстой чамынып, Көрөр болсоң эр Төштүк. Элеманга таарынып,

Каарданып жайланып, Каңырыгы эң түтөп.

Өлүм жакка камданып,

Ач арстандай төштөнүп, Алгыр бүркүт көздөнүп.

Төштүк эми ошондо Элеман бүгүн өлгөнсүп,

Ал дүйнө жүзүн көргөнсүп. Чындап белин курчанып,

Чылгый балээ Төштүктүн Чылгый ичи от жанып.

Бере эңип жээлигип,

Бек кара болуп ээлигип.

Элемандын боз дөңгө,

Таарынып түштү ал жерге, Ээр-токумду жалданып.

Кыймылдабай былк этпей, Кыйын оору дарттуудай Солкулдабай жатты дейт.

Эр Төштүктүн азабын Элеман бай тартты дейт!

Энекеси Күлайым

Элден ушак кеп угуп,

Төштүк баштап тогуз уул

Кесиле элек баарысын

Аңги чалыш деп угуп,

Каарланып жайланып, Элеманга камданып.

Айтканымды азыр бил,

Как башым, малың менен  жерге кир!

Пайдасыз малды жыйыпсың, как баш,

Тогуз уулдун баарысын

Такыр бүрүк кылыпсың, как баш!

Жакшы уулуң Төштүк куттук

баш, Караан калган малдарың, Каарына алса жуттуку, как баш!

Эр уулуң Төштүк доонуку, как баш,

Айдап жүргөн сан караң

Кыйкырса бир күн жоонуку, как баш.

Сенин малың арбын, акыл жок, как баш,

Адамда сендей бакыл жок, как баш.

Тозоку малды жыйыпсың, как баш,

Топ уулуң бүрүк кылыпсың, как баш!

Муну укканда Элеман,

Кайратты катуу баштады.

Сан каранын баарысын,

Такыр кечип таштады.

Адырдагы жылкыны,

Айдап жыйды топтотуп.

Түзөңдөгү төөлөрдү,

Түгөл жыйып алды дейт.

Төрт түлүк малдын баарысын,

Топтоп жыйып салды дейт.

Текеден сойду бир тогуз,

Букадан сойду бир тогуз,

Кочкордон сойду бир тогуз,

Буурадан сойду бир тогуз, Айгырдан сойду бир тогуз, Төрт түлүктөн төрт тогуз, Элеман бай кырды дейт. Эсеби жок калың той Калк чакырып берди дейт. Калайыктын баарысы, Келген экен ал тойго. Калайыктын баарысы, Адам кайнап топурап. Асманга учуп топурак, Аябай той болуптур.

Элемандын тогуз уул

Эң кенжеси Төштүктү,

Балта менен бастырып,

Керки менен кестирип.

Элеман той берип, тогуз уулун сүннөткө отургузганы

Адам тапкыс ой кылып,

Тогуз уулга той кылып, Тогуз уулун адалдап, Төштүктүн ойлоо түшүнөн. Куткарган экен Элеман, Аңги деген ишинен.

Кебез-Тоонун бери жакта, Кең Кашкардын ары жакта.

Эң көңүлү жай экен

Элеманга катарлаш, Сараңбай деген бар экен.

Адам тапкыс ой кылды, Ал Сараңбай той кылды.

Калкка кабар салууга

Элемандын Төштүгүн

Алтын таажы кийгизип, Алтын такка мингизип, Кан көтөрүп алууга.

Кулак угуп, көз көргөн,

Журттун барын бет кылды.

Беттешкендер тоюуга Ала-Тоодой эт кылды, Ай-ааламды бет кылды. Калк дүрбөтүп, той жыйнап, Калың тойду кылды дейт. Кулак угуп, көз көргөн, Калктын баарын жыйды дейт. Калк жыюучу той болуп, Катуу кабар салыптыр.

Ошо тойго барууга, Элемандын Төштүгү Жана чү деп калыптыр. Токтоно албай ээлигип, Агасы тогуз эр Төштүк Жана кызга кезигип. Кыздын баары чуу түшүп, Торгоп чыкты Төштүктү. Акыйнегин айтышып,

Кордоп чыкты Төштүктү Кыз балдардын оймогу.

Төштүк болбой, куруп кал, Элемандын бойдогу.

Коко куурай чооруңду,

Кокуйлатпай ары тарт, Төштүк.

Атаң Элемандын боорун тарт,

Төштүк,

Каптап бир каптап отун ал,

Төштүк,

Кадырың табар катын ал, Төштүк.

Теңдеп бир теңдеп отун ал,

Төштүк,

Теңиңди таап, катын ал, Төштүк. Бука болуп булкунба, Бул кыялың бөлөк кыл, Төштүк! Элди-журтту карачы

Тойго чаап баратат,

Элемандын топ аңги Кайда чаап баратат!

Элемандын эр Төштүк,

Жана мүшкүл иш көрдү.

Каарданып бакырып,

Агаларын чакырып,

Кагып койгон эмедей Катар тура калганы, Аңгемени курады.

Ачууланып ошондо

Катыныңар барбы деп, Агалардан сурады! Агалардан сураса, Кудайдын кылган иши экен.

Баштагыдан көп мүшкүл,

Тогузу тең таптакыр, Катыны жок киши экен. Жинди болбой баарыбыз, Маңги болгон экенбиз. Баарыбыз тең таптакыр, Аңги болгон экенбиз!

Элеман атаң барында, Оңбой калган экенбиз!

Такыр аңги атыгып ,Оңбой калган экенбиз!

Тогуз уулуңа катын алып бер деп, Төштүк атасы Элеманга айтканы

 

Туубай туна чөксөкчү, Бул көрөкчө өлсөкчү. Элемандын тогуз уул, Эми болуп алыппыз.

Биздей жандар болобу? Биз өңдөнгөн жандарды, Жан деп айткан оңобу?! Катын алып бербеген, Элемандай каапыр жок.

Алдымда тогуз агалар Баарыңда тегиз катын жок!

Агалардын баарысын

Такыр карап отурсам, Баарысында катын жок. Караргандан түнөрдү, Катуу кайрат кылды эми.

Агаларды тең айдап, Элемандын алдына Жана барып турду эми.

Тогуз уул күткөн мен атам

Какыраган сайда өскөн, Каран калган атакем Каада билбей кайда өскөн!

Ойлосок күйөт биздин ич, Уктаса болбойт ушул иш!

Баарыбыз бойдок аңги айгыр, Ааламда болбойт ушул иш, Арак бир ичпей таш ичкин.

Атаңдын канын кошо ичкин!

Берен кылып туубасын, ата,

Тогуз уулдун бирине

Ак жоолук башын буубапсың, ата! Букалар союп той кылдың, ата.

Тогуз уулуң бой кылдың, ата,

Байлапсың базар жолумду, ата, Башыма салдың сонунду, ата! Элеман атаң барында Оңбой калган экенбиз!

Такыр аңги атыгып, Оңбой калган экенбиз!

Сындырдың кашка тишимди, ата, Сыздаттың жаман ичимди, ата,

Казыпсың калың орумду, ата, Калкка бойдок дедиртип Кайнатыпсың шорумду, ата!

Көргөзүпсүң көзүмө Адам көрбөс сонунду, ата.

Журтка кылдың кызыкты, ата,

Көөнүмө салдың бузукту, ата,

Моюнуңа салдың айбымды, ата, Кыздарга шылдың бир кылып, Баарыбызды бой кылып.

Арылбаган чыр кылдың, ата! Өчкөн отум тамызгын, ата, Жыгылган жанды жөлөчү, ата.

Тогуз уулга катын бир издеп жөнөчү, ата, Чачып ие электе малыңды, ата! Күйгүзбөгүн жанымды, ата!

Кыздардан кызык кеп уктум, ата,

Топ аңгилер деп уктум, ата, Тоюма бука соёсуң, ата, Топ аңги атты коёсуң, ата!

Айткан сөзгө көнүңүз Аңги аттан куткарып, Зайып алып бериңиз, ата! Зайып алып бербесең, Тогуз жакка кетебиз.

Балалыктан безебиз, ата! Төштүк мындай дегенде, Төрө атасы тил алды.

Көнөйүн, балам, көнөйүн, Тогузуңа бир тогуз Катын алып берейин.

Тогуз уулум сен үчүн Малдан ачам баарды,

Кыдырам кыйла шаарды! Ат бороюн сыдырып,

Жердин баарын кыдырып,

Жел өтпөс торко кийбесем,

Желбеген жорго минбесем, Кулак угуп көз көргөн, Жерге чейин жүрбөсөм. Кимде тогуз кыз болсо, Ошону алып бербесем.

Сан дүйнөмдү чачпасам, Кулак угуп, көз көргөн, Жердин баарын баспасам.

Тогуз уулум мен эми,

Дегениңе көнүүгө

Зайып алып берүүгө,

Чачпасам чогуу жыйганды,

Сарып кылбасам бул малды,

Кетирейин алымды Кемитейин малымды.

Адам кайра тартпаган

Барса келбес жер болсо,

Жолуккан өлөр жер болсо, Ошого чейин барайын.

Аябайын малымды,

Ай балдарым, сен үчүн Чачайын баары малымды.

Бул сөзүңө көнбөсөм,

Тогуз уулум баарыңа,

Катын алып бербесем,

Ат байлаган мамыдай, Такыр болуп кетейин.

Жүзүн көрбөй кудайдын

Кыркылып кетсин сакалым. Каапыр болуп кетейин! Жылкыдагы миң тулпар, Муну коштоп тизейин. Тоодон күчтүү лөгүмдү, Сарып кылып көрөйүн.

Арбын дүйнө көрпөмдү, Алтынды күлдөй чачайын. Төгөрөктүн төрт бурчун Эрикпестен басайын!

Адам көрүп, жан укпас, Жердин баарын басайын! Малдан ачып баарды, Кыдырам кыйла шаарды.

Кетирейин алымды,

Балдарым үчүн чачайын,

Арбын түмөн малымды,

Деп ошентип Элеман. Элеман жайы ушундай, Элден чыккан бай эле.

Элемандын колунда,

Сан казына, сан кара, Бары-жогу кашында.

Аты Элеман болуптур,

Жердин кыйла жерине, Элеман малы толуптур. Кутуруп кеткен Элеман, Кубаттуу бай болуптур. Бай Элеман чамынып,

Балдарынын баарына Катын алып берүүгө Азыр турду камынып. Жел өтпөс торко кийди дейт, Желбеген жорго минди дейт.

Карга алтынын арттырып,

Алып жүргөн тулпарды,

Аземдетип жаптырып,

Малдан ачты баарды,

Кыдырмак болду Элеман, Эми кыйла шаарды.

Тооп кылып токтолуп,

Нар куйругун өрдү дейт.

 

Сан дүйнөнүн баарына, Жоболоңду салды дейт.

Тандап туруп кыпчактан, Беш жүз жолдош алды дейт.

Күлүктөрүн байлатып,

Күл азыкты жайнатып, Эндей торко кийгизип, Эпсиз жорго мингизип.

Баары беш жүз жолдошу

Кызылдан буурул ат минип,

Кыл куйругун чарт түйүп,

Керней-сурнай тарттырып,

Нарга алтынын арттырып,

Ат арытып, эл чалып, Төө арытып, жер чалып, Чиймек болду сызыкты. Тогуз уул үчүн Элеман, Көрмөк болду кызыкты. Кулак угуп, көз көргөн, Элдин кызын көрдүрдү.

Кызы жакпай калганга, Сакадай алтын бердирди. Дилдени төөгө жүктөтүп,

Жибектен аркан тарттырып,

Байлыгын журттан арттырып,

Жалгыз кызды ала албай,

Бир адамдын колунан,

Тогуз кызды таба албай, Тозок тартты Элеман. Бир жандан тогуз кыз издеп, Тополоң болгон кандай жан! Ай эсебин алган жок, Айда тынып калган жок. Күн эсебин алган жок, Күндө тынып калган жок. Келин издеп, кыз издеп, Кеткен экен Элеман.

Көл жайнаган такыр суу, Көлдү көрдү Элеман.

Жандар өлөр акактап, Чөлдү көрдү Элеман,

Адам басып баргысыз, Жерди көрдү Элеман. Тирүүлүктөн башкача, Көрдү көрдү Элеман. Төөнү жуткан кара мар, Жылан көрдү Элеман.

Айдап баккан ээси жок,

Жыйылып жүргөн өзүнчө, Кулан көрдү Элеман.

Кулан талаа ары жагы,

Куруган чөлдүн бери жагы,

Токсон жолдун түгөнүш

Токсон суунун куюлуш

Суу түгөнүп жоголгон,

Боз дөңгүлгө барды эле,

Боз дөңгүлдүн ары жакта, Кароол-Дөбө көрүнөт.

Ал дөбөнү көргөндө, Элемандай байыңдын, Көңүлү кетип бөлүнөт.

Ал дөбөнү жердеген,

Эңкейтип пенде жеңбеген,

Изденип адам барбаган,

Көргөн адам таң калган, Касиеттүү жан экен.

Бөрүдөй жети уулу бар, Зергер кемпир бар экен. Ич этинен суп көйнөк Ошол кемпир кийчү экен. Күн чыгыш менен күн батыш, Токтобой жүрүп турчу экен.

Берендиги белгилүү,

Ал кемпирдин ордого

Элеман жакын калганда,

Төөнүн баары бүгүлүп,

Тулпар аксап жүгүнүп,

Элдин байы Элеман

Алдыга чыгып караса, Көңүлү кетип бөлүнөт, Зергер кемпир көрүнөт.

Зергер кемпир муну айтат:

Атыңдын оозун бура тур, Кыз издеген Элеман, Алдыңкы жайга тура тур. Ай-ааламды кыдырып, Жүргөн кемпир биримин. Жетимиш уруу адамды, Билген кемпир биримин! Угар кулак, көрөр көз, Ушундай жандын өзүмүн.

Желбегей торко кийгемин. Жети жылдык болорду, Жетик ойлоп билгемин. Олуяттын өзүмүн, Зергердин анык өзүмүн.

Мен ичпеген булак жок,

Мен көрбөгөн мазар жок,

Мен баспаган тоо да жок, Мен жатпаган коо да жок!

Мазарга басып түнөдүм, Элеман сени келет деп, Эчак билип жүргөмүн.

Жети күндө мен кемпир, Жердин үстүн чалчу элем.

Айбандардын, адамдын, Арам менен адалдын, Эсеби канча алчу элем.

Жети күнгө мен кемпир, Жердин астын чалчу элем. Жер астында шумдуктар, Алардан кабар алчу элем.

Жер алдында Көк дөө бар.

Ал Көк дөөнүн колунда,

Өзүндө жети башы бар, Эң сыйкырчы карасаң Кара тажаал кемпир бар. Каны Көк дөө алдына,

Сейилдикке келиптир.

Элемандын эркеси,

Бир кудайдын пендеси,

Эр Төштүктөй сырттандын, Жөнүн айта бериптир.

Колуңузга берем деп,

Элемандын сырттанын

Жер үстүнөн алдырып, Эптеп алып келем деп, Ай эсебин алды дейт. Алек болгон ал кемпир, Ай эсептеп калды дейт.

Күн эсебин алды дейт, Күйүп өлгөн ал кемпир, Күн эсептеп калды дейт. Айтсам кызык мунум бар, Ай Элеман угуп ал.

Жети жылы быяктан

Жети баштуу куу кемпир, Сырттан туулган Төштүктү, Эптеп колго алууга Жердин үстүн чалды дейт.

Бүтүн сырын Төштүктүн, Баарын билип калды дейт. Бай Элеман сен элең, Зергер кемпир мен элем! Менин жайым сурасаң, Кыйлага чыккан жан элем. Так өзүмдөн туулган, Жети уулум бар эле. Жети уулумду сурасаң, Жети жердин билгичи. Чын олуя кеменгер, Ааламда чыкпайт андай эр. Көздөрү көрөт алыстан, Көп адамдан даанышман. Жети уулдун кенжеси, Бир кудайдын пендеси.

Найзакердин ыктуусу,

Адамзаттын мыктысы, Чын олуя балама, Чын кезиккен ал кемпир. Ал баламдын мингени,

Жылкыдан тулпар Кулакер. Кулакер минип алыптыр.

Кутурган ошо кемпирге Курган балам учурап, Карсылдашып калыптыр.

Маңдай-тескей турушуп,

Бакандашып урушуп,

Жети күнү беттеп турушуп,

Жетик кыйын урушуп,

Ошондой болуп жумушу Ийрек минген ал кемпир, Баладан жаман шашты дейт. Жан соогалап качты дейт, Баланын баатыр экенин, Ошо кемпир билиптир.

Жер алдына кысталак, Желген бойдон кириптир. Зергерден туулган жети уулум, Аты угулат, өзү жок.

Бек сыйкырчы ал кемпир,

Дуба байлап сыйкырлап, Балдарына жетти деп,

Муну менен жети уулум, Кайып болуп кетти деп. Ушу кезде сообум бар

Билбегенди билгизип,

Билдирип айтып берүүчү, Эң башкача жообум бар. Төштүктүн сырттан экенин, Эчак ойлоп билгемин.

Жолугуп калса Төштүккө Кемпир бирди кылат деп, Ошону ойлоп жүргөмүн! Адыр-күдүр ак кайкаң,

Көз айныган көк тайпаң,

Көк тайпаңды жердеген,

Көп алптардын баарынан, Сарыбай кыйын эр деген.

Беттеп пенде барбаган,

Бенде назар салбаган, Казаны толук ичи кең, Караса чыкпайт андай эр! Этеги жайык ичи кең, Эзелде чыкпайт андай эр.

Арыктар барып жол күткөн, Ал Сарыбай көк жалдан, Азгандар барып мал күткөн.

Топозу токсон сан болгон,

Сарыбайдын жайы ушундай Көл дайрадай кан болгон.

Сан дүйнөдө бедер жок, Сарыбайдын колунда Нелер бар да, нелер жок.

Малдан ачты баарды,

Ошо Сарыбай көк жалың, Кыдырды кыйла шаарды. Көргөндөрдөн көп угам.

Келгендерден мен угам, Сарыбайдын колунда, Тогуз кызы бар деп угам.

Тогуз кызын Сарыбай, Тогуз уулдуу адамга, Берет экен деп угам!

Тогуз уулдуу жан таппай, Жердин жүзүн кыдырып, Карып болду деп угам.

Ошо көк жал Сарыбай, Тогуз кыздын айынан, Арык болду деп угам.

Карып болгон себеби, Тогуз кыздын улуусу, Аппак чачтуу болду дейт. Ортончусу кызынын, Көк ала чач болду дейт.

Кичи кызы Сарыбайдын,

Эгер алса бир күйөө Эне катын болду дейт. Тогуз кыздын кенжеси, Артык сулуу Кенжеке.

Өз колу менен Сарыбай, Чачын майлап өрөт дейт. Тогуз уулдан да бул кызын, Абыдан өөдө көрөт дейт. Кенжекени тууганда, Тоюна токсон союптур.

Калк жыйылып чогулуп,

Атын Кенжеке бейбак коюптур.

Сарыбайдын Кенжеке

Тогуз кыздын кенжеси, Чылк алтынга бөлөйт дейт. Кенжекени ким алса,

Көлдөй толкуп ошонун Ырыскысы жөнөйт дейт.

Ал Кенжеке такырдын,

Кылкылдаган каапырдын Перизаада жан деди. Бейбак туулган Кенжеке, Билгичтиги бар деди.

Жез оймоктун ыктуусу, Ургаачынын мыктысы, Сөйкө салар жан ошол. Сырттан балаң Төштүккө, Алып берер бала ошол. Кубанып уккун сөзүмө

Келин кылсаң Кенжеке, Кутман болор өзүңө.

Менин сөзүм алыңыз,

Канаттуу кара бээңди, Чалгынга минип алыңыз. Көл дайрадай Сарыбай Конокко мурун барыңыз.

Кудалашып мал берип,

Тогуз уулга тогуз кыз, Баштарын байлай салыңыз! Кайра тарта көчкөндө, Жерди байкай конуңуз. Кереметтүү Кенжеке, Сөзү менен болуңуз.

Ала көөдөн Элеман

Сөзүмө кулак салбасаң,

Бул тилимди албасаң,

Капталарсың бузукка,

Жолугарсың кызыкка,

Зергер кемпир макул деп,

Бул айтканың акыл деп, Билбегенди билдирип, Билип жолго салды дейт. Туйбаганды туйгузуп, Туюп жолго салды дейт.

Муну укканда Элеман,

Сарыбай көздөп жол жүрүп Ат аябай мол жүрүп.

Кемпирден кызык кеп угуп, Толкуп жаткан Сарыбай Тогуз кыздуу экен деп угуп. Бар дүйнөсүн аябай,

Барган экен Элеман.

Сарыбайдын Көк-Өзөн, Көк-Өзөнгө барганда, Күткөн малы чогуу экен. Элемандын сан кара,

Ал Сарыбай байыңдын, Бир бурчунча жок экен. Сарыбайдын ордого,Салып жетип барганда.

Элеман Сарыбайдын тогуз кызын көрүп, кудалашып алып жөнөгөнү

Минип барган кара бээ, Мамысына чалды эле.

Кол куушуруп барбайып, Сарыбайдын үстүнө,

Элеман кирип барды эле. Элеман,

Сарыбай – эки бай, Адамзаттын кени ошол.

Тогуз уулдуу Элеман,

Тогуз кыздуу Сарыбай, Кудалашкан жери ошол.

Оң капшытын караса, Көңүлү кетип бөлүнөт. Карап турса Элеман, Тогуз сөйкө көрүнөт.

Ал сөйкөлөрдү көргөндө,

Анык экен бул кеп деп,

Ал Элеман байыңдын, Көңүлү кетип бөлүнөт. Амандашып тургуча,

Андай-мындай дегиче

Айтып оозун жыйгыча, Аңгеме дүкөн курады. Элемандын Сарыбай, Ал-абалды сурады:

Үйгө келдиң сен адам! Урааның ким, дайының ким, Уругуң ким, айылың ким? Түрүң качып, түн катып, Муңдуу жайың көрүнөт!

Элеман Сарыбайдын тогуз кызын көрүп, кудалашып алып жөнөгөнү

Ашуу ашып, таш баскан,

Акылынан эң шашкан, Алсыз жайың көрүнөт!

Атың болуп ыргыйдай, Битиң болуп торгойдой.

Муң эткен жайың көрүнөт!

Каалаганың эмине? Караганың эмине?

Жоготконуң эмине?

Жоктогонуң эмине?

Сөзүмдү угуп алыңыз, Жөнүңдү айта салыңыз! Менин жайым сурасаң,

Атым болгон Сарыбай, Байлыгым болгон бир далай.

Мен Сарыбай болгону,

Кумурскадай кыжылдап, Куураган мал толгону.

Казаным толук, кардым ток Мал жагынан капам жок!

Кызым тогуз, эркек жок! Аккан суу менен чыккан чөп,

Мындан бөлөк касым жок! Мал арбыды дүмөгүм,

Тогуз кызга тогуз уул,

Күйөө таап бере албай

Күйүт тартып жүрөмүн! Кыздарымдын улуусу, Саамай чачы ак болду. Эрге берсем эчени Тууй турган чак болду!

Элден тогуз уул таппай, Эсим кетти мен Сарыбай. Тогуз күйөө табалбай, Убара болдум мен Сарыбай.

Тогуз уулдуу адам табылбай,

Тогуз уулдуу адам табылса, Кандыра калың жебестен Казыр берем кызымды!

Тогуз уулдуу адам табылбай, Токтотпой берем кызымды!

Ал кыздардын өзүнө Топозум токсон сан болгон, Токтотпой берем энчисин.

Тогуз кыздын кенжеси,

Бир кудайдын бендеси Ургаачыдан узу бар, Кенжеке деген кызым бар.

Өзү кадыр түн эле,

Касиеттин бири эле,

Баары кыздардын баасы,

Жалпы кыздардан жайдары,

Балбылдаган чолпону,

Кадыр түн болуп кабылса,

Кенжекенин өзүнө

Ылайык күйөө табылса, Дегенине көнөмүн.

Аны да кошо беремин!

Чечилбеген санаам бар, Кенжеке аттуу балам бар!

Кенже күйөөм эр болсо,

Кенжекеге тең болсо, Куда болгон адамга, Байлыгымды билгизем.

Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук Кенжекеге мингизем!

Табылгы жакса, от өчпөс,

Жазайыл атса, ок өтпөс,

Чаинги деген тонум бар, Кенжекеге кийгизем, Айтсам сонун мунум бар.

Байлыгым башка Сарыбай, Балдарыма дүйнөнү,

Батыра берем тарыбай. Жолсуз жерге жол салган,

Болот өгөөм ошо бар. Өкчөп койсом от болгон, Алтын сакам кошо бар.

Сан дүйнөдө бедер жок,

Күйөө таппай муңдуумун, Андан башка Сарыбайда,

Нелер бар да, нелер жок!

Көп дүнүйөм ошо бар,

Жайып ийсе, мал болгон, Бакты килем кошо бар!

Кетирдим беттен каарымды,

Күйөө таппай мен Сарыбай,

Кыдырдым кыйла шаарды.

Минтип күйөө таппадым.

Тогуз уулдуу бирөө жок,

Тогуз кыз алчу күйөө жок.

Көчүгүмдү жооруттум,

Көңүлүмдү ооруттум!

Кулак угуп, көз көргөн,

Элге кабар айткамын.

Тулпар чарчап чайлаган,

Жерге кабар айткамын.

Көп кетирдим алымды,

Көп сарп кылдым малымды.

Үйгө келген сен мейман, Тынч алып аман кайтыңыз. Тогуз кыздуу Сарыбай,

Тогуз уулдуу адамга, Кыздарынын баарысын

Токтотпой берет экен деп, Калкка кабар айтыңыз.

Муну укканда Элеман,

Баабединин бат айтып,

Ал маңдайы жарылып

Коё берди Элеман, Сарыбайга жалынып! Менин атым Элеман

Эл кыдырып келемин.

Элеман аттуу бай элем. Мен Элеман колумда, Тогуз уулум бар эле.

Бир адамдан бир тогуз, Кыз таба албай жүрөмүн.

Айтканымды угуп ал, Ай, Сарыбай, билип ал.

Элден тогуз кыз таппай, Арык болуп келемин.

Ат арытып жол жүрүп, Карып болуп келемин.

Тогуз уул жайын айтайын: Катын албай баарысы, Аксакал болду карысы.

Тогуз кызың бар экен, Менин тогуз уулума, Ылайыктуу табы экен.

Сенин кенжең Кенжеке,

Менин кенжем эр Төштүк,

Тогуз уулдун кенжеси,

Бир кудайдын пендеси

Кабагы бийик, заары күч, Катылганды кылат түз.

Баатырдыгы башкача, Балбандыгы эң башка.

Беттеп пенде барбаган,

Пенде назар салбаган,

Тоюна токсон союлган, Аты Төштүк коюлган.

Жалаяк ооз, жар кабак, Жаалдуу Төштүк уулум бар!

Кыз издедим чунайып, Кенжекеге Төштүгүм, Болот экен ылайык.

Кызыңа сөйкө салайын, Кулдук уруп калайын.

Кыйналып жүргөн Элеман, Бар экен менин таалайым.

Канаты бар кара бээм, Буга кебез байлайын.

Айтсам кызык мунум бар, Калыңга берер малым бар.

Токсон кара нарым бар,

Токсон нарга артылган, Алтын, күмүш аралаш,

Калыңга берер зарым бар. Токсон төөнүн алтынын,

Калың кылып алыңыз. Кудалашып, май чайнап,

Кучакташып калыңыз! Элеман бай, Сарыбай, Эми куда болду дейт.

Эл ортого толушуп, Эсеби жок тамаша Эми кыйын болду дейт.

Калайыкты жыйышып,

Катуу дүрбөөн кылышып, Элеман бай, Сарыбай

Эми куда болду дейт.

Ак буудайдын унундай, Жуурулушуп калды дейт.

Ак бөкөндүн кылындай, Суурулушуп калды дейт. Чоң ордого конушуп,

Чогулуп куда болушуп, Оюнду кызык кылды дейт.

Тогуз уулга тогуз кыз,

Токтотпой нике кыйды дейт.

Элемандын сөзүнө, Көнбөй калган кези экен. Элемандын эр Төштүк,

Келбей калган кези экен. Дүйнөсүн артып төөгө, Артык экен Сарыбай.

Энчисин берип күйөөгө, Мал көөнүнө карабай,

Малын берди аябай. Тон көөнүнө карабай, Тонун берди аябай.

Ар кимиси күйөөлөр

Миңден-миңден жылкы алып, Жебилгеси жер чийип, Жетик кылды Сарыбай.

Тогуз кыздын баарына

Жашы менен карыга,

Жел өтпөс торко кийгизип,

Желбеген жорго мингизип,

Ар шайманын бүктөтүп,

Алтын менен күмүштү, Атан төөгө жүктөтүп,

Кыз-келиндин баарысы

Кызылдан жорго ат минип,

Кыл куйругун чарт түйүп,

Келинге кете кийгизип,

Кете тондун этегин

Керилтип жерге тийгизип,

Кулак угуп, көз көргөн

Калктын баарын чуу кылып,

Басылбаган дуу кылып;

Кыздарга кызыл кийгизип,

Кызыл тондун этегин,

Кыйгачтап жерге тийгизип, Кыйын экен Сарыбай, Кызматын журтка тийгизип. Кыздарынын баарына Кырктан жылкы куну бар,

Кызылдан тулпар мингизип.

Сарыбайдын салтанат

Эрге берген кызына,

Төөгө дүйнө арттырып,

Санатын журттан арттырып,

Сарыбайдын чоң эшик

Чоң эшиктен дүрбөшүп, Күйөө, кыз чыгып калды дейт.

Тогуз кыздын кенжеси,

Жараткандын пендеси

Жалжал көздүн сулуусу,

Жан бүткөндүн нурдуусу,

Толгон айдай толукшуп,

Сарыбайдын Кенжеке

Ак сазандай болукшуп,

Саамай чачы самсаалап,

Тоту жүнүндөй бөлүнүп, Сарыбайдын эрке кыз Күн тийгендей көрүнүп.

Акылы башка Кенжеке Далай кыздын башы экен.

Акыл карачач экен

Ыйманы калың, акыл мол, Азапка салат ушу жол.

Пери берген беш көйнөк Ич этинен белсенип, Кийген жандын бири экен.

Алты айчылык болорду, Азыр эле Кенжеке Билген жандын бири экен.

Акылы артык бир башка

Ааламдан чыккан көйкашка, Кадыр түн экен Кенжеке. Кай жоругун айталы, Касиеттүү жан экен. Көз жумса сүйлөп берүүчү, Айтуучусу бар экен.

Сарыбай кызы Кенжеке,

Же Төштүктү көргөн жок,

Күйөөлөп Төштүк келген жок, Берген тонун кийген жок. Бай Сарыбай көк жалдын, Берген атын минген жок.

Келин баштап, бир миң жан Кий тонуң деп камынды, Кенжекеге жабылды.

Мында долу кийген жок,

Келиндердин баарысын Кебелип тилин алган жок, Теңтушка назар салган жок. Ак байбиче энеси

Алтымыш катын баарысы,

Ак сакалдуу карысы,

Аттангын деп жалынды, Анда долу болгон жок.

Атакеси Сарыбай

Акылмандын баарысы,

Ак сакалдуу карысы,

Катар кирип жалынды, Мында да долу болгон жок.

Агарып бети суюлуп,

Эки көздөн аккан жаш Акырек ылдый куюлуп, Ыйлап жатып алды дейт. Анда турган адамга, Чоң дүмөктү салды дейт. Бөгөсүнөн бөктү дейт, Көзүнүн жашын төктү дейт.

Кенжеке каар баштады,

Журттун байы Сарыбай, Малдан кечип таштады.

Кенжеке ыйлап турганда, Туурага толгон мал Тутумга келбей кайран жан.

Санаасы кетип суюлуп, Эки беттен аккан жаш,

Акырек ылдый куюлуп,

Сарыбай кирди сабылып, Кенжекеге жалынып.

Жанымды коюп, малымды ал, Тогуз кыздын кенжеси, Кенжеке балам, тилимди ал. Кыз ыйласа, төркүндө, Кыйла мүшкүл дечү эле.

Урук менен тууганын

Ырым кылып ыйласа,

Соруп таштайт дечү эле. Ыйлаба, балам, ыйлаба, Атаңдын жанын кыйнаба! Балам, каалаганың алып кет, Дүнүйөмдү сенден аябайм.

Экөөмдү коюп бирөөмдү ал, Өгөөмдү таштап, бүлөөмдү ал.

Чаар инген таштап, малымды ал, Чалкуйрук коюп жанымды ал!

Көп ыйлабай сөзүмдү ал, Керек болсо өзүмдү ал!

Топозум токсон сан эле, Мен Сарыбай атаңда, Толгон мүлкүм бар эле!

Энчиге бердим малымды ал,

Айтканым ушул көнүп ал, балам. Ар түлүктүү малымдын, Барып көбүн бөлүп ал!

Сүйлөөрүм ушул билип ал, балам,

Карыганда атаңды

Шүмшүк кылбай тилим ал, балам. Жапаага салбай сөзүмдү ал,

Керек болсо өзүмдү ал, балам. Айткан тилди алып бер, балам,

Эр сырттаны Төштүккө Эби келсе барып бер, балам. Үзүлгөнүм улап бер, балам,

Чачылганын жыйнап бер,  балам,

Ак сарайга конуп бер, балам, Аташкан жар болуп бер, балам.

Каалаганың алып кет балам,

Кааладым Төштүк сырттанга, Ошону карай басып кет, балам.

Телик куш учат тегине,

Кыз бала кетет тийе турган эрине, балам.

Атасы минтип турган соң,

Ушундай кепти кылган соң, Сенин тилиң алайын, ата.

Эр сырттаны Төштүккө Сен кааласаң барайын, ата!

Менин казыла турган орум бар, ата,

Ыйлай турган шорум бар, ата,

Ичим толук душман көп, ата,

Элеман уулу Төштүктү,

Аңдып жүргөн душман көп,

ата.

Элеман уулу Төштүккө Сен кааласаң барайын, ата!

Сенин тилиң алайын, ата,

Ажалым жетсе өлөйүн, ата, Элеман уулу Төштүккө Караан болуп берейин, ата.

Өгөөңдү берсең алайын, ата, Берен Төштүк күйөөмө,

Белек кылып барайын, ата!

Айтканым ушу көнүңүз! Касиеттүү саканы Кааладым ага бериңиз, ата!

Төөдөн лөгү Чаар инген

Чаар инген бергин алайын, ата, Анан Төштүк барайын, ата. Энелигиң чын болсо, Чайиңги тонду кийгизгин, эне! Бала экен деп санасаң,

Чал куйрукту мингизгин, ата!

Он төрт жашка келгенде,

Сейилге чыгып көргөндө, Чалкуйрукту мен көрдүм, ата! Ак тулпар туулду мен билдим.

Жылкыда алты ай мен жүрдүм,

ата! Айбан туруп сүйлөгөн, Бул сонуну бар эле.

Элеман уулу Төштүккө Ылайыктуу мал эле, ата! Кетмен туяк, кең соору, Керишке минер Чалкуйрук. Кулжа моюн төгөрөк, Кууганга минер мал эле.

Басканынан чаң чыккан,

Дүбүртүнөн жан чыккан, Туу куйругу бир тутам, Тулпар эле жылкыдан.

Тайгаланбайт бийиктен, Так эле басса кем эмес, Ташка баскан кийиктен.

Тогуз кыздын кенжеси, Сарыбайдын кенжеси, Бул Кенжеке бейбагың, Чалкуйрук сурап турганы.

Берекелүү Сарыбай

Беремин деп айталбай,

Бейбактын сөзүн кайтарбай,

Өөдө-төмөн туйлады,

Чалкуйруктун айынан, Өкүрүк салып ыйлады.

Көңүлү кетти бөлүндү,

Айбандан тулпар Чалкуйрук, Сарыбайдын көзүнө Баласындай көрүндү. Дарттуу болгон эмедей, Ал Сарыбай кулады.

Он бир күнү болгуча,

Орундан Сарыбай турбады.

Кабырга сөөгү сөгүлдү,

Көздөн жашы төгүлдү,

Көзүнөн жалын шыркырап,

Оозунан түтүн буркурап, Энеси чыдап туралбай, Чайиңги тонду кийгизди. Атасы чыдап тура албай, Чалкуйрук атты мингизди. Алтын сака өгөөнү, Энеси берди жана алды. Төө ичинде Чаар инген, Атасы берди бул алды.

Чаар инген жайы ушундай

Касиеттүү мал экен, Чаар ингендин өзүндө, Миң төөлүк күчү бар экен. Чаар ингендин үстүнө, Сарпайыны бүктөдү.

Аз болгондо ингенге

Сарыбайдын толгон мүлк, Тең жарымын жүктөдү.

Бай Сарыбай байыңдын

Жаккан отун өчүрүп,

Тогуз кызды ошондо

Жалпы баарын көчүрүп,

Төөдөн мыкты Чаар инген,

Тулпардан мыкты Чалкуйрук,

Кыздардан мыкты Кенжеке, Көк тизеден конушка Конуп чыгып келатат.

Кызык жыргал оюну, Болуп чыгып келатат. Элемандын дүнүйө

Сандан катар артылып, Миңден катар көбөйүп, Толуп чыгып келатат. Элемандын тогуз уул Катын алып оолукту.

Ал Элеман байыңыз,

Кадыр түнгө жолукту.

Төө арканын чечишип,

Айлап, жылдап көчүшүп,

Куркулдаган кузгун жок, Каркылдаган карга жок, Ээн талаага конду эле. Ал булактын боюна,

Жети күн өрүүн болду эле. Көлүк оонап, чөп толкуп, Конуп жаткан кези экен.

Жайкалып шибер куттанып, Бейиштин жыты жыттанып, Оңуп жаткан кези экен.

Кысыр эмди тай союп,

Аш-тамагын жай коюп,

Журттун байы Элеман

Дүнүйөнү жайнатып,

Аш тамагын кайнатып,

Оңуп жаткан кези экен.

Айсалкын Кенжекеге жолугуп каргаганы

Перизаада бейтаалай

Билгичтиги бир далай,

Сарыбайдын кызы Кенжеке,

Эр Төштүктүн зайыбына, Куттук айтам деп өзү, Тосуп жаткан кези экен.

Бир адамга билинбей, Бир адамга көрүнбөй,

Перизаада бейтаалай,

Белестен чыгып оолукту, Перинин кызы бейтаалай, Кенжекеге жолукту.

А да Төштүк зайыбы экен,

Бу да Төштүк зайыбы экен, Билер-билбес экөөндө, Күнүлүгү бар экен.

Кенжекени көргөндө,

Куурсундай моюнун бурганы, Куттук айтып турганы:

– Минген атың Чалкуйрук,

Кутмаарек болсун, кут болсун, Долу! Кийген тонуң Чайинги,

Кутмаарек болсун, кут болсун, Долу!

Жетелегениң Чаар инген, Кутмаарек болсун, кут болсун, Долу! Тийчү эриң эр Төштүк Бир өзүңө жуп болсун, Долу!

Чылгый ичи өрт жанып, Чыдай албай Кенжеке, Перини тилдеп таштады:

– Астымдан тозуп оңупсуң, Долу! Аташканың Төштүккө Алты күн катын болупсуң,

Долу! Жетик ойноп келипсиң, Долу! Тууп алган балаңы Көкөтөй байга берипсиң, Долу!

Астымдагы Чалкуйрук

Атакем берди, мен миндим.

Сеникин тартып алдымбы, Долу! Үстүмө кийген Чайинги, Энекем берди, мен кийдим.

Сеникин тартып алдымбы, Долу!

Жетелегеним чаар инген,

Атакем берди мен алдым, Сеникин тартып алдымбы, Долу!

Менин күйөөм эр Төштүк

Атакем кошту, мен тийдим.

Сеникин тартып алдымбы, Долу!

Күчөнөр болсоң бек сүйлө,

Долу! Жөнүңдү таап тек сүйлө, Долу!

Сен Чук-Терек жатып калганың, Долу? Маңдайга бүткөн эр Төштүк Менин мүлкүм алдадың, Долу!

Сенин алдамчың ушу эмеспи,

Кана Төштүккө тийип алганың, Долу!

Жолумдан кебиң кыласың,  Долу! Жолоочуга жол кошуп, Шакаба кылып турасың, Долу! Эмгекке мен калдымбы, Долу? Эстенип сүйлөп тургудай

Сенин эриңди тартып алдымбы, Долу? Сен кутмаарек айтып тургандай, Жолумду тосуп тургудай, Куру доого калдымбы?

Сенин эриңди тартып алдымбы, Долу? Талаадан эркек көрбөдүм,

Дардайып тууп талаада, Баламды сатып жүрбөдүм, Долу! Касиет өгөө буюмду,

Атакем берди мен алдым,

Сенин бабаңдан сурап албадым. Балакетке калбадым, Долу! Эренге керек сакамды, Энекем берди мен алдым.

Сеникин сурап албадым, Долу! Азаптуу доого калбадым, Долу! Сен барып конуп жериң тап,

Долу!

Тийе турган эриң тап, Долу!

Кебез тоо сага жер болбойт, Долу!

Эр Төштүк сага эр болбойт, Долу! Эр Төштүк берүүчү мен эмес, Ала койчу сен эмес, Долу!

Алдырчу бейбак мен эмес, Долу! Түмөн сөз айтсаң көнбөйүн,

Бул башым жерге кирбесе, Курбалдашым сырттанды, Сендейлерге бербеймин, Долу! Перинин кызы Айсалкын, Касиеттүү жан экен.

Эрдинде сөөлү капкара, Тилинде мөөрү бар экен. Каргышы ката кетпеген, Кара саат жан экен.

Күйүп-бышып чок болду,

Перинин кызы Айсалкын

Чай кайнамдай токтолду. Бөдөнөдөй кара көз, Бөлөк-бөлөк жаш кетти. Карагаттай кара көз, Камчы бою жаш кетти.

Өлөйүн деп өлөлбай,

Өз жанын өзү кыялбай,

Чылгый ичи өрт жанып, Чыдай албай Айсалкын: – Элеман уулу Төштүккө, Бул дүйнөдө тийбеймин! Жети күндүк жалганга, Убара болуп жүрбөймүн, Долу!

Бүгүн көргөн эртең жок, Алдап жүрөт бендени, Алдап жүрөт дүйнө бок. Элемандын сырттаны

Бул дүйнөдө сеники,

0 дүйнөдө меники, Долу!

Куттук менен мен келсем, Кулжуктадың, уруштуң, Долу! Кең Кашкардын ары жагы, Кең өзөндүн бери жагы.

Кең талаа бойлоп конуп кет, Долу! Сырттан эрден айрылып, Тирүүлөй жесир болуп кал,

Долу! Өлбөй-житпей кайрылчы, Долу! Сырттаныңдан айрылчы, Долу! Сырттан эр жетип талаага, Долу!

Сенин дүнүйөң калсын балага, Долу! Күйбөстөн мурун күйгүзүп,

Бышпастан мурун бышырып,

Башыма салдың сонунду, Долу! Кайнатып ийдиң шорумду,

Долу!

Казып ийдиң орумду, Долу!

Ичиме салдың бузукту, Долу!

Талаада кылдың кызыкты, Долу! Кутмаарек деп мен айттым,

Сен, куураткандай кеп айттың, Долу! Элемандын эр Төштүк, Эрдигинен оолуксун, Долу!

Эмгекке калың жолуксун, Долу! Ардактаган Төштүгүң,

Жер үстүнөн айрылып, Жер астында кор болсун, Долу! Арка чачың өрбөй кал, Долу! Аташканың сырттанды, Алты жыл катар көрбөй кал,

Долу!

Бир мүшкүлгө жолугуп, Аташканың сырттаның, Жер астына кетсинчи, Долу!

Айтканың башка жетсинчи,

Долу! Жети жылы кар болгун, Долу! Сырттанды көрбөй зар болчу,

Долу!

Элким басып, оңуп кал, Долу! Эр үчүн какшап зарланып, Тирүүлөй жесир болуп кал,

Долу! Ордумча айтсам оңбодуң, Долу! Оңураңдап болбодуң, Долу!

Күйбөстөн мурун күйдүрдүң

Бышпастан мурун бышырдың, Долу!

Калың бир каздың алымды, Долу!

Кашайтып ийдиң жанымды, Долу! Деп ошентип Айсалкын

Андай-мындай дегиче, Ачып көздү жумгуча, Көздөн кайым болду эми. Муну укканда Кенжеке, Жаккан отун өчүрдү.

Жанын койбой атасын, Конгон журттан көчүрдү.

Каар салып бакырып,

Кайын атасы Элеман

Бейбак долу Кенжеке, Алган экен чакырып.

– Түндө жатып түш көрдүм, Түшүмдө мүшкүл иш көрдүм!

Кабылдың каардуу улукка, ата,

Түшүп кеттик түбү жок кара кудукка

Ку десең, конбой колуңа, Шумкарың кетти бир жайга, ата!

Бул жерге түшүп кетели, ата,

Жүрүңүз элге кетели, ата,

Жүгөнү жок бош көрдүм,

Чалкуйруктай тулпарды, ата,

Уулуңуз Төштүк шумкарды, ата,

Муну айтканда Элеман,

Тогуз уулу, келиндер

Тополоңдоп калышып, Токтолбостон нарларга, Толгон аркан тартты дейт. Апат болгон көп дүйнө Чаар ингенге артты дейт.

Кыз кенжеси Кенжеке,

Кенжекенин жүгү бар, Чаар ингендин үстүндө Миң каймалдын жүгү бар. Көчүп шашып оолукту,

Батып кетер чоң баткак, Кыйын ишке жолукту.

Тегеренсе ыраак жол, Тешип өтсө жакын жол. Жакын жолго салганы,

Асман жактан чаркырап, Ач кыйкырык угулду. Мүлк жүктөгөн Чаар инген, Баткакка барып жыгылды.

Ал Чаар инген жаныбар, Чаар ингендин үстүндө Ай-аалам мүлктүн баары бар.

Эр кайраты жашыды,

Тогуз келин, тогуз уул Карысы жашы чогулуп, Кырк сегиз күнү ташыды. Ташыган менен болбоду Мүлктү кудай оңдоду.

Сырттандын жары Кенжеке, Көңүлү кетти бөлүнүп,

Көзүнөн жашы төгүлүп,

Ай айлана бүркөлүп, Башына алтымыш санаа бир келип, Зыркырап ыйлап күйүнүп,

Сырттанынан түңүлүп,

Болкулдап ыйлап Кенжеке,

Мурдунун суусун тарта албай, Көзүнүн жашын арталбай. – Баткакка жатып Чаар инген Кайрылып калат экемин!

Эр сырттаны көк жалдан, Жети жылы көрбөстөн, Айрылып калат экемин. Чаар ингени курусун Белде калар бекемин.

Какылдаган карга жок,

Кукулдаган кузгун жок, Чөлдө калар бекемин!

Жетик элем Кенжеке, Жер конуш бойлоп кономбу? Жетигиме жете албай, Жер куранды боломбу.

Деп ошентип Кенжеке,

Күйүккөндөн чыркырап,

Сырттанга күйүп буркурап,

Айлана басып күйүнүп,

Ачылынан түңүлүп, Түз жерден чыкты казган ор, Ушундай экен биздин шор!

Эми байланган экен биздин жол!

Элүү күн болот дегенде,

Чаар ингенди баткактан, Өлгөндө алды сууруп. Кайын атасы Элеман

Айласы жок, акыл жок, Малга кароо бай экен.

Бул сыяктуу бакыл жок

Кетели десе болбоду, Келиндин жолун тороду. Жүрөлү десе болбоду, Элеман эми оңбоду.

Төө тикенек талаага,

Төөлөрүн айдап салды дейт.

Бетегелүү ыраңга,

Бээлерин байлап салды дейт. Элеман бай курусун,

Малга кароо жан экен.

Элеманга жолугар,

Кудайдын каары бар экен!

Жети баштуу желмогуз,

Жердин үстүн чарыттап,

Элеманга жолугуп,

Мүшкүлдү салар чары экен. Элемандын Төштүгүн, Сурап алар табы экен.

Желмогуз кемпирдин Элеманга жолукканы

Элеман бай ошондо, Кырк кулачтай укурук.

Кармап колго түкүрүп, Адырдагы малдарын, Айдап жыйып калды дейт. Жылгадагы малдарын, Жыйып айдап калды дейт. Чоң кисени чалынып,

Чоң айбалта колго алып,

Кырк кулач укурук Кармап колго түкүрүп, Кабакка салып барды дейт.

Аккан суунун боюна

Ал Элеман барганда,

Чук теректин түбүнө Элеманы курусун, Көрсө көңүл бөлүнөт.

Суу үстүнө калдактап, Агып келет ошондо, Бир калдайган өпкө көрүнөт.

Ал өпкөнү көргөндө,

Малы келбей эсине,

Агып келген бул өпкө, Элемандын көзүнө, Дүнүйөдөй көрүнөт.

Өпкөнү көрүп Элеман, Өлгүчө жаман мактанат. Берейин деген кулуна, Белек кылат жолуна. Бербейин деген кулуна, Сатса келбейт булуна. Агып келет бул өпкө, Олжо кылып тунайын.

Суудан кармап алайын,

Канжыгага чалайын,

Даңгыт менен Маңгытты Бир тоюнтуп салайын!

Деп ошентип Элеман

Дүйнө тапкан эмедей,

Укурукту колго алып,

Көк айгырды бир салып, Ал өпкөнү сайды эле.

Көтөрүп туруп калды эле,

Өпкө кетти жырылып,

Андан кармап алалбай,

Мындан кармап алалбай, Эл байкабас жан көрбөс, Кабакка кирип барды эле.

Жана сайды Элеман,

Жана Элеман сайганда

Өпкөдөн көрдү бузукту,

Агып келген ал өпкө Элемандын өзүнө,

Көрсөтмөк болду кызыкты,

Олжо күндүү Элеман,

Оңураңдап өпкөнү,

Эми кармай салганы,

Карай салса Элеман,

Боюнда жети башы бар, Кемпир болуп калганы.

Жети баштуу ал кемпир, Көрсөтмөк болду кызыкты. Салмак болду башына, Адам кылбас кызыкты.

Көргөзмөк болду зордукту,

Элемандын башына Кылмак болду кордукту. Кетирмек болду чараны

Сурамак болду ал кемпир, Сырттан Төштүк баланы. Олжо күндүү Элеман Ойлосо кордук чын көрдү.

Айта-буйта дегиче,

Ачып көздү жумгуча, Чап этектен алганы.

Чапчыганда кемпири Ал Элеман байыңды, Көнө тартып салганы.

Кыраан алптай илгени,

Илген жерде бул кемпир, Элемандай байыңдын, Как төшүнө мингени.

Минген жерде ал кемпир,

Элемандай байыңдын

Мурутун булкуп дыргытып, Сакалын жулкуп ыргытып, Желип-желип койду эле.

Элеманы курусун,

Кылбады иштин дурусун, Олжодон көрдү кордукту, Опсуз көрдү зордукту.

Элеманды кемпир мингенде, Зыкылдатып киргенде, Кабырга кетти быркырап. Мурунунан кара кан, Агып кетти шыркырап. Желип-желип койду эле, Ооз, көзүнөн кан кетти. Элемандан ал кетти, Өлмөк болду жан тартты. Сакалы кетти зирилдеп,

Муруту кетти бириндеп, Көзү кетти алактап, Бүткөн бойдун баарысы, Кыйрап кетти шалактап.

Каарды кемпир баштады,

Кыл чыгарбас Элеман

Мал менен жандын баарынан, Такыр кечип таштады.

Зыкылдатып ал кемпир, Элемандан кеп сурайт, Жанын кыйнап бек сурайт: – Өлбөй-житпей Элеман Дегениме көнгүн дейт.

Аман калам сен десең, Сураганым бергин дейт.

Менин жайым ушундай,

Желгениме жел жетпейт, Басканыма мал жетпейт.

Денемде жети башым бар,

Жаны жок сопу атым бар, Ал сонуну айдаган, Соку белегим дагы бар.

Сендейден сексен миң чал келсе, Соро турган алым бар. Айтканыма көнөсүң,

Каалаганым бересиң,

Айтканыма көнбөсөң,

Каалаганым бербесең, Алдымда жаткан Элеман, Азыр менден өлөсүң!

Түгөтөмүн жашыңды,

Чымчыктай кылып Элеман Азыр үзөм башыңды!

Көргөзөмүн сонунду,

Үзөмүн буту-колуңду, Дегениме көнөсүң.

Сырттаныңды бересиң,

Дегениме көнбөсөң,

Сырттаныңды бербесең, Чыгарамын мээңди, Жайната муштайм мээңди.

Не дегеним барына,

Сен Элеман көнөсүң, Эминеңди бересиң?

Элемандын оозунан Өтөк-өтөк кан кетти. Өкүрүгү таш жарып, Элемандан ал кетти.

Үңүлдөгөн үн калды, Үксүйгөн сакал жүн калды.

Элеман кепти баштады,

Сан каранын баарысын, Ортого коюп таштады.

Айласы кетип сабылып,

Ал кемпирге жалынып, – Айланайын байбиче, Эч ким билбес жаным бар. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт курчаган малым бар. Топозум токсон сан эле, Толгон мүлк менде бар эле.

Өрүш толгон жылкым бар,

Матоо толгон төөм бар,

Короо толгон коюм бар, Желе толгон уюм бар.

Койбой баарын берейин,

Аласыңбы малымды, Айланайын байбиче,

Коёсуңбу жанымды? Анда кемпир күүлөнүп, Элеманга сүйлөнүп: – Сен өлгөндө сан малың Меники эмей кимдики?

Кайра кемпир желди эле,

Кайра баштан Элеман Бут жыя албай тозокту, Абыдан катуу көрдү эле. Күчөп кемпир желди эле, Күчкө сала берди эле. Бул жалгандын азабын Элеман бай көрдү эле.

Каарды кемпир баштады, Элеманды ал кемпир, Соруп ийе таштады.

Элеман туруп күйүндү, Эми жандан түңүлдү,

– Олжо кылып өпкөнү, Көргөнү келген экемин.

Тирүү калбай катындан, Каарданган каапырдан, Өлгөнү келген экемин.

Кулак угуп, көз көргөн,

Жалпы журттун баарына, Мен Элеман бай болдум. Бир өпкөгө кызыгып, Бул кемпирден жай болдум.

Азапка өзүм тутулдум,

Ажалдан кантип кутулдум, Кыяматтын кыстоосун, Көргөнү келген экемин.

Кысталак куу жалган,

Ай талаада арманда, Өлгөнү келген экемин. Бул жалганды күтөм деп, Ойлоп жүргөн экемин. Каран калган дүйнөгө, Тойбой жүргөн экемин.

Сандап жаткан сан кара, Дүйнөм жолдош болдубу? Ай талаада арманда, Түйтөйгөн кемпир сордубу? – Алсаң боло малымды, Айланайын байбиче.

Койсоң боло канымды,

Дагы кемпир угуп ал,

Кудай сүйүп, журт каалап, Коюлган аты Күлайым.

Күлайым менин байбичем

Бармактайда бош кошуп,

Биттейинде бириккен, Кенедейде кезигип, Бармактайда баш кошкон.

Ургаачынын төрөсү,

Тогуз уулдун энеси,

Күткөн үйдүн кутманы,

Ургаачынын сырттаны, Ак байбиче Күлайым, Алган зайбым бул эле. Айтканыңа көнөйүн,

Байбичемди берейин, Коёсуңбу жанымды.

Анда кемпир муну айтат:

Адам билбес шумду айтат,

– Сен өлгөндө катының,

Мен сыяктуу каапырың, Меники эмей кимдики.

Деп ошентип бул кемпир, Дагы ал кемпир койду эле.

Оозунан кетти кара кан, Көтүнөн кетти сары зил.

Бүткөн бойдон кан кетти, Элемандан ал кетти.

Чымындай жаны чыркырап,

Кабырганын баарысы,

Кетмек болду быркырап, Кайран жандан түңүлүп.

Жана Элеман муну айтат:

  • Бере турган мунум бар,

Коёсуңбу жанымды,

Берерге тогуз уулум бар.

Анда кемпир муну айтат:

  • Сен өлгөндө тогуз уул,Меники эмей кимдики.

Жана кемпир желди эле,

Ал Элеман байыңдын, Жазасын чогуу берди эле.

Элеман турду өлгөнү, Кыямат жүзүн көргөнү.

А дээрге алы калган жок,

Азыр өлсө арман көп,

Баштамак болду кызыкты,

Кылмак болду бузукту,

Бузмак болду санааны,

Бермек болду кемпирге, Сырттаны Төштүк баланы.

– Албай койдуң малымды, Коёсуңбу ой кемпир,

Чымындай менин жанымды.

Тогуз уулдун кенжеси,

Бир кудайдын пендеси,

Найзакердин ыктуусу,

Алп дөөлөрдүн мыктысы,

Топ балдардын чыкканы, Толгон уулдун сырттаны, Элемандын эрени.

Кечээ сакалымдын агында,

Сапарым чукул чагында,

Сапарга кетип талаага,

Зарланып көргөн Төштүгүм,

Балдарымдын баасы,

Туура бойлуу кең далы, Сырттан уулум Төштүк бар. Дегениңе көнөйүн,

Төштүгүмдү берейин, Коёсуңбу жанымды?

Элеман мындай дегенде,

Кемпир туруп муну айтат,

– Сөзүңө кулак салайын, как баш,

Төштүктү берсең алайын, как баш,

Оңбойсуң как баш оңбойсуң,

Баскан жерден Төштүк деп,

Атагын атап койбойсуң, как баш, Айтканыма көнбөсөң, как баш,

Азыр Төштүк бербесең, как баш, Өлтүрөт элем өзүңдү, как баш,

Чукуйт элем көзүңдү, как баш,

Эми сени өлтүрүп кетейин, как баш,

Төштүктү берсең кетейин, как баш.

Төштүктү аяп олтуруп, Кыяматтын кыстоосун, Көрүп кала таштадың. Өтүң чыгып оозуңдан, Өлүп кала таштадын, как баш. Ара жерден кеп айтсаң,

Беремин деп сен айтсаң, как баш,

Кутулуп алып өзүмдөн

Кереге бутуң артпагын, как баш,

Керней күүңдү тартпагын, как баш,

Кайдагы кемпир дебегин, как баш,

Калжырак бокту жебегин, как баш. Өлбөй-житпей мен болсом,

Өрүшүң тосуп аламын, как баш, Өпкөңү колуман как баш Сураса бербес Төштүгүң Суук колумду саламын, как баш.

Кааласа бербес Төштүгүң,

Какшатып тартып аламын, как баш. Топурагың тоз кылып, Токтотпой чогуу кырамын. Тогуз капка эшигин

Тоорултуп өзүм чаламын, как баш. Чоңдугу тоодой сырттаның,

Мына минтип аламын, как баш, Төштүгүңө кат бергин, как баш,

Кечиктирбей бат бергин, как баш.

Баатыр болсо Төштүгүң

Байлачу темир торуң бар, как баш,

Кермеге байлар ат бергин, как баш,

Кечиктирбей бат бергин, как баш,

Жеткилең белим бурамын,

Төштүгүңдү бербесең,

Жети жылы тынбай кубамын, как баш. Төштүктү берсең мындай бер, Айтканыма мындай көн.

Төштүктү берсең мындай бер.

Тогуз кыздын кенжеси,

Келиниң аты Кенжеке,

Эң акылман даанышман Артык билгич эме экен. Келиндердин башы экен, Акыл карачач экен.

Акылы терең ыктуу экен,

Ургаачыдан мыктуу экен.

Төштүгүмдү берем деп, Одураңдап айтпагын, как баш, Айтып койсоң аныңа, как баш, Азыр барам жаныңа, как баш, Жилигиңди чагамын, как баш,

Төпөндөн жерге кагамын, как баш, Айтканымды билип ал, как баш,

Өлбөс болсоң тилимди ал, как баш, Ал Кенжеке келиниң, Сарамжалдуу жан экен. Кенжекенин колунда, Алтын сандык бар экен. Алтын сандык түбүндө,

Жыйнап койгон түбүндө, Эрге ылайык ал экен, Болот өгөө бар экен.

Болжоп көрсөм ошону, Эр Төштүк уулуң жаны экен.

Караргандан түнөрүп,

Үтүрөйүп бара көр, как баш,

Кабагың карыш салыпсың,

Келиндер качып жарылсын,

Калтырбай жиниң жайнаткын,

Сен кан ичмеңди карматкын, как баш,

Каардуу жиниң сала көр, как баш,

Камчы үзүлүп калды деп, Кенжекенин колунан,

Өгөөнү сурап ала көр, как баш. Өгөөнү берсе келиниң, Этеги кептен сала көр, как баш. Унуткарып билгизбей,

Өгөөнү эптеп ала көр, как баш,

Өгөө колго тийгенде,

Таш тулганын бетине,

Коломтонун четине,

Ал өгөөнү сайып кет, как баш, Өгөөгө Төштүк келүүчү,

Аңгеме кептен салармын, Эсебин өзүм табармын. Эл сырттаны уулуңду,

Эптеп кармап алармын, как баш,

Төштүктү көргөз, өзүмө,

как баш, Өгөөнү көргөз, көзүмө, как баш.

Көргөзбөсөң көзүмө, Жолотпосоң өзүмө, Малыңдан кармап аламын.

Жол үстүнө сүйрөтүп, Даңгыттарга жардырам. Өзгөгө туумду курамын, Тукумуңдун баарысын,

Уу ичкендей кырамын. Жалган дебе сөзүмдү, Жаман дебе өзүмдү.

Айтсам кызык мунум бар, Так алты уулум бар, Жетиктеп белим бууймун. Ал Төштүктү бербесең,

Жетимиш жылы кууймун.

Орою чоочуп күйүнүп, Элеман бай ошондо Өз жанынан түңүлүп.

  • Макул, макул, – деп эми,Макулдан башка сөз айтпайт.
  • Төөлөрүм алып малым кой,кемпир.

Төштүгүм алып жаным кой, кемпир

Зарланган Төштүк балага, Жанымдан Төштүк садага!

Өлбөс күнүм көрөйүн,

Каалап калсаң Төштүктүн Өгөөсүн алып берейин.

Айтканыңа көнөйүн,

Күн мезгили жети күн, Калтырбай Төштүк берейин.

Айбатың салбай Төштүктү ал, кемпир,

Ачууңду коюп баламды ал, кемпир,

Каарыңды мага баштаба, кемпир.

Мал менен мүлктөн дегеле,

Кыпындай мага таштаба, кемпир.

Деп ошентип Элеман

Айтканына уулу Төштүктү, Ал кемпирге берүүгө, Кенжеке көздөй келди дейт.

Ал Кенжеке келинге Калп эле ооруй берди дейт. Күрсө-күрсө жөтөлүп,

Калтаңдап башын көтөрүп, Калп эле оору болду дейт.

Дүпө-дүпө жөтөлүп, Дүнүйө ай деп онтолоп, Мындай оору болду дейт.

Мына ошондо Кенжеке

Мал башкарган кайын атам, Балакет оору болду деп, Басып барып турду эле.

Онтологон Элеман Опот болуп кетчүдөй, Дүйнөдөн өтүп өтчүдөй. Эми кептен урду эми,

Онтологон капыр чал, Өгөө сурап турду эми. Өз баласын Элеман, Өлүмгө минтип кыйды эми.

Өгөөнү сурап аларда, Эми өлүп кетем деп, Керээзин айтып турду эми.

– Ээй балам Кенжеке, Атакемдин багы ооруйт.

Өлчөөлүү жердин баары ооруйт. Дүйнөдөн өтөт экемин, Өлөр мүчөм баары ооруйт.

Кабыргамдын бети ооруйт.

Калбайт окшойт биздин жан, Өпкөмдүн бир жак чети ооруйт.

Ооруган атаң өлүүчү О дүйнө жүзүн көрүүчү.

Элемандын өзүндө Ү деген жалгыз үн калды, Үксөйгөн жалгыз жүн калды.

Кабыргасы быркырап,

Жаны кетти чыркырап,

Талаада өлүп Элеман Белде калмак экемин. Төштүгүмө жете албай,

Жерде калмак экемин. Ай, келиним, Кенжеке, Мында туруп нетели.

Батыраак элге кетели

Барса атаң өлбөйбү,

Калк жыйылып чогулуп, Атакеңди көмбөйбү.

Атакеңдин сан дүйнө, Карып-мискин бөлбөйбү. Элеман атаң өлгөндө,

Кыямат жүзүн көргөндө,

Тогуз келин, тогуз уул,

Токтотпой чачып малымды. Зыйнатыма турсун де, Төштүгүмө айта көр.

Кызматым мыктап кылсын де,

Жаккан отун өчүргүн,

Бул жерге турбай кулунум, Жан-жабылта көчүргүн.

Журт ушактап күлбөсүн, Иттигимди билбесин.

Ара жолдо Элеман

Ушинтип өлмөк эле деп, Калың журттун баарысы Шылдың кылып күлбөсүн.

Ой, Кенжеке, кулунум,

Көнө көргүн сөзүмө,

Тогуз уулдун кенжеси,

Бир кудайдын пендеси

Өлгөндө көргөн Төштүктү Көргөзө көргүн көзүмө.

Ай талаада мен өлсөм,

Иш билбеген тогуз уул,

Билгендерин кылбасын, Кызматымды кылбастан, Көздөрүн бекем жумбасын.

Ай кулунум Кенжеке, Бул жагына сак болгун.

Кенжеке балам сага айтам:

Толуп жаткан малым бар,

Топозум токсон сан эле, Толгон дүйнө сансыз мүлк Элеманда бар эле.

Сырттан уулум Төштүгүм, Айтканга кулак салсын де. Сандап жаткан дүйнөгө, Ээ болуп өзү калсын де.

Ой, кулунум, Кенжеке Керээз айтам кеп ушул.

Элеман мындай деди үшүп,

Жети күндүк жашым бар,

Жерге кирер башым бар, Арбын дүйнө мүлк калды.

Ай Кенжеке, угуп тур,

Теке саргыл баш калды болуп, Атканада миң тулпар, Адырда бар сан буудан.

Ойлосом ичим чоң күйөт, Малдарга көзүн салсын де.

Сырттан уулум Төштүгүм Баарысын ээлеп алсын деп,

Өрүм толгон көп жылкы,

Короо толгон кой калды,

Желе толгон уй калды, Матоо толгон төө калды,

Төштүк балам дөө калды. Жети күндүк алакчы Арбын дүйнөм ээн калды.

Ай, Кенжеке, кулунум, Жаккан отуң өчүргүн.

Тогуз уулдун баарысын Жан-жабылта көчүргүн. Түн ичинде уйку алба,

Күндүзүндө тынч алба,

Бели ооруду атакең,

Белинен кармап бүктөй көр,

Кара нарга жүктөй көр,

Уга көргүн сөзүмө,

Уул баатыры Төштүктү, Көргөзө көр көзүмө, Атакеңе бул өлүм.

Тоорумай салып жетиптир,

Атаңдын кара жаак булдурсун, Башы чыгып кетиптир.

Айтканыма көн балам,

Төштүктүн болот өгөөсүн,

Бекитейин бер балам. Дартман болуп Элеман Чалды кудай урганы.

Бербеймин деп айта албай, Атанын көөнүн кайтарбай,

Ары карап кыңкылдап,

Бери карап мыңкылдап,

Сүлөөсүндөй керилип,

Сүйлөөгө сөздөн эринип,

Аркардай тону кылайып,

Ак эмчеги булайып,

Акырын сүйлөп муңайып,

Алтын сандык ичинен Түйүнчөктүн түбүнөн Ал Элеман байыңа Алып берди өгөөнү.

Ал өгөөнүн өзүндө Касиети бар экен.

Анык болот бул өгөө Кан Төштүктүн жаны экен. Жаны татты Элеман

Өлүмгө кыйып Төштүктү, Тажаалдыгы бар экен.

Асыл туулган Кенжеке

Ургаачыдан кең пейил, Кереметтүү жан экен.

Эр Төштүктүн башында

Жараткандын бир чийген, Чоң кырсыгы бар экен.

Ал Кенжеке ошондо

Өөдө-төмөн карабай,

Өз уулуна Элеман

Жоо болот деп санабай,

Кара көзү кашайып,

Калган экен Кенжеке,

Өгөөнү ойлоп карабай,

Акылман туулган Кенжеке,

Жаккан отун өчүрүп,

Тогуз келин, тогуз уул,

Жалпы баарын көчүрүп, Өөдө-төмөн жүгүрүп, Керээз айткан атакем.

Кокус өтүп кетет деп

Элемандан түңүлүп,

Дүнүйөсү бир тоодой

Жалпы баарын бүктөтүп,

Чаар ингенге жүктөтүп, Ырастап жүгүн арттырып, Бышыктап аркан тарттырып. Жашы менен карысы,

Элемандан корккондон Үркүп көчтү баарысы.

Элеманы курусун Көөдөнү кеткен кирилдеп, Сакалы кеткен бириндеп.

Элемандан ал кетет Өөдө болсо оозунан Өжөк-өжөк кан кетет. Ал Элеман байыңды

Белден кармап бүктөдү, Кара нарга жүктөдү.

Ашып-ташып көчтү дейт,

Төштүктүн болот өгөөсүн,

Ал Элеман байыңыз, Коломтонун түбүнө Өгөөнү катып кетти дейт.

Көчүп алган Кенжеке

Өрүүн болуп токтобой,

Керектүү болот өгөөнүн

Кайда экенин жоктобой,

Энөө кетип эсинен

Көңүлү кетип бөлүнүп, Сырттанынан Кенжеке Айрылчудай көрүнүп.

Көңүлдүн баарын оорутуп,

Көлүктүн баарын жоорутуп, Аман барып конду дейт.

Калың кыпчак элине Аман жетип жерине

Аман-эсен кошулду.

Сырттан Төштүк эриме

Төштүк менен Кенжеке Асмандагы жылдыздай Жошулушуп калды дейт.

Айкалышып асылдар Кошулушуп калды дейт.

Ак буудайдын унундай Жуурулушуп турду дейт.

Ак бөкөндүн кылындай, Суурулушуп турду дейт.

Бир табактан эт жешип, Бир Төштүктөн

Жети күн өмүр сүрүшүп, Жетик кадыр билишип,

Катын алып, той кылып,

Калктын баары чогулуп,

Нардан тандап, төө союп,

Жылкыдан тандап, бээ союп,

Бар дүйнөнү тең коюп,

Жети күндүк жыргалы Жетимиш жылча болгону.

Атакеси Элеман

Калк жыйылып турганда Чалды кудай алды эле.

Элеман журтта калган өгөөсүнө Төштүктү жибергени

Жошулушуп калды дейт. Айкалышып асылдар Кошулушуп калды дейт. Ак буудайдын унундай

Тирик эмес өлүкмүн, балдар,

Кызмат жүзүн көрүпмүн, балдар,

Өлүмгө сапар баштапмын, балдар, Кара көзүм кашайып,

Өгөөнү унут таштапмын, балдар, Тирүүлүктөн өтүпмүн, балдар, Өлүүгө катар жетипмин, балдар,

Өгөөнү таштап кетипмин, балдар. Опсолоң атаң ооруду, балдар, Ойлосом кудай тооруду, балдар.

Журтта калган өгөөнү Унуттум деп ал как баш, Кабарын айта салды эле.

Кымыз деген аш ичтим, балдар, Оорукка опсуз жолуктум, Оюмдан танып оолуктум.

Акылдан танып калыпмын, балдар,

Өгөөнү таштап салыпмын, балдар.

Жумган көзүм ачылбай,

Түргө келип калыпмын, балдар,

О дүйнө кетип калчудай

Күнгө келип калыпмын, балдар. Атасы мындай деген соң Элемандын эр Төштүк:

Кайгырбачы, ата, кайгырба,

Кайгы төлөө болобу, Өгөө журтта калды деп Кайгырган адам оңобу?

Ал өгөөгө барайын

Эңишке чыккан жоо болсо, Эсебин өзүм табайын.

Ажал жетсе өлөйүн

Атыма чыккан жоо болсо,

Алты ай тынбай салышып, Алп урушуп көрөйүн.

Өгөө жайы ушундай

Уламадан уласам,

Билгичтерден сурасам, Керемет өгөө ал экен.

Бул Төштүктүн жаны экен.

Кайгырба ата, кайгырба,

Акылыңдан айрылба,

Кайгы төлөө болобу, Кайгырган адам оңобу? Күрдөөлдүү күчүм барында, Өгөөнү кантип берейин.

Күрөшө чыккан жоо болсо, Мен бир күрпөңдөшүп көрөйүн!

Өгөөнү бербей дөө чыкса,

Орто жерден жөө чыкса,

Жыгып жерге ныктайын,

Нар кесме кара кылычты, Сугарып канга чыктайын.

Эренин кармап соёюн, Эчтемесин куткарбай, Кыргын кылып коёюн. Алда таалам жол берсе, Өгөөнү таап аламын.

Мыкташып чыккан жоо болсо,

Былкылдак куурай бышкыча

Мыйзамдын кулу учкуча

Мыкташып алты ай салышып, Кыргын кылып саламын. Өз кайратым барында Өгөөнү тартып аламын. Чалышкан жоого чалдырсам, Чалкамдан түшүп алдырсам.

Бир адамга билинбей, Бир кишиге көрүнбөй, Кайып болуп кетемин? Элемандын эр Төштүк, Ааламды бузар шер Төштүк.

Урунарга тоо таппай,

Урушарга жоо таппай,

Талак кылып дүйнөнү, Безген эрдин биримин.

Жортуп жүрүп дүйнөнү,

Жолун койбой баарысын Кезген эрдин биримин.

Кайгырарга эр таппай,

Кармашарга шер таппай,

Сырттан Төштүк мен атым, Тирүүлүктөн күйүнөм, Өлүм десе сүйүнөм.

Өлүмдөн корккон оңобу, Өлбөй калчу жалганда Темир жандуу адам болбу?

Ал өгөөгө барамын,

Таба албасам өгөөнү Ааламга бузук саламын.

Балбандарым эрдирмин Ааламга бей бербес, Сырттан Төштүк мендирмин.

Отко салса күйбөгөн,

Элеман уулу Төштүктүн

Ойрондугу дагы чын

Сууга салса батпаган,

Назарын салып найза уруп, Найза тешип кетпеген. Элемандын Төштүккө

Маңдай-тескей турушса,

Мылтык атып, жаа тартып,

Мандайлашып урушса,

Чапса кылыч кеспеген, Чалгырлыгы дагы бар.

Жаралган адам уулунан

Алгырлыгы дагы бар, Кабагы бийик, өңү саз, Катылган аман калбаган.

Кармашып пенде барбаган,

Жоо дегенде дегдеген,

Өнөгүн жанга бербеген,

Эңкейтип душман албаган,

Элемандын Төштүккө

Эч ким чыдап барбаган,

Каарданып күйүнүп,

Өгөөгө барат дегенде

Элемандын Төштүгү Кашкая күлүп сүйүнүп.

Жай-жарагын салынып,

Жаратканга жалынып,

Унут калган өгөөгө Сапар жүрүп камынып.

Көрсөң Төштүк ушундай

Көпкөк жалдай жамынып,

Берендик жайы көрүнүп, Кайра басты сырттаның Атасынан бөлүнүп.

Эр Төштүктү көргөндө,

Эл-журтунун баарысы Кабыргасы сөгүлүп.

Атакеси Элеман

Көзүнүн жашы төгүлүп,

Атасы ыйлап турганда,

Калайык ыйлап турганда,

Калк башчысы жалпы ыйлап,

Убайымды жеп ыйлап,

Сырттан Төштүк бул асыл, Келер бекен деп ыйлап.

Калың журттун баарысы

Жашы менен карысы

Ыйлап турган себеби – Элемандын Төштүгү Келди кетти кайран эр. Бизге туулган дөө эле,

Жалпы журтка ээ эле.

Асман жарган чуу чыкса,

Жер өрттөнгөн дуу чыкса, Атаганат дүнүйө Карап берүүчү эр эле.

Карааны жүрсө Төштүктүн Калайыктын баарына

Калап койгон чеп эле. Маанайы башка, заары күч Бизге ылайык эр эле!

Каза таап өлбөдүк, Кайран Төштүк эрдигин Ээрчип жүрүп көрбөдүк.

Бекбай калды бейарман, Атаганат дүнүйө Ушундай экен шум жалган.

Эл сырттаны Төштүктү

Айгайлашкан эң кыйын, Чууга салып көрбөдүк. Чаң-тополоң аламан Дууга салып көрбөдүк. Бийиксинген – белсинген Жерге салып көрбөдүк.

Ааламды бузуп жок кылар, Эрге салып көрбөдүк.

Арка кылып Төштүктү Ааламга азап салбадык.

Чептүү шаардан талкалап, Ченебеген Төштүктү Кан көтөрүп салбадык.

Арман кылып журт чуулдап,

Алган экен Төштүккө

Сырттан Төштүк эрениң, Азганактай журтуна Сыр билгизбей берениң. Арман кылдык өзүбүз, Келесиңби, жоксуңбу, Ачылбай барат көзүңүз.

Эрдигиңди бир көрбөй,

Армандабыз өзүбүз,

Каалабайбыз биз сени

Ал өгөөгө барууга

Кудай билет өгөөнү Аман таап алууга. Кудай билет өгөөдөн Аман-эсен келишти.

Кудай билет өгөөдөн Барар замат өлүштү.

Арсар болуп турабыз, Айланы кантип кылабыз.

Уламадан уласак,

Билгичтерден сурасак,

Атаңдан азап кеп уктук, Ал баруучу өгөөнү Жалаңкыч алды деп уктук.

Барса келбес жол окшойт, Баатыр Төштүк маңдайга Чийип койгон шер окшойт.

Журту минтип чуу турду,

Журту мындай дегенде Элемандын Төштүгү Айбаттанып сүксүйдү.

Кебин угуп кенебей, Айткандардын баарысын Бучкагына теңебей, Кайран Төштүк үксүйдү.

Бул кабарды укканда, Элемандын Төштүгү Өрттөй көзү жайнады. Жоо жарактын баарысын Орду-ордуна жайлады.

Журт оозунан чочунду, Теке саргыл тулпарды Эми Төштүк токунду.

Төштүк минтип турганда,

Көңүлдөгү көп санаа,

Көзүнүн жашы он талаа,

Көңүлү кетип бөлүнүп,

Көзүнүн жашы төгүлүп,

Кыркы келин, кыркы кыз,

Сексен сулуу ичинен, Кереметтүү Кенжеке

Эми чыкты көрүнүп.

Нур чырайлуу кызыл бет, Уйгу-туйгу жаш кетип,

Кан чырайлуу кызыл бет,

Камчы бою жаш кетип, Көк дүрүйө көйнөгү Сан-сан болуп бөлүнүп.

Көздүн жашы төгүлүп,

Тасмадай бели ийилип,

Эликтен бетер түйүлүп, Элден бөлөк Кенжеке Келет эми жүгүрүп.

Кенжеке менен эр Төштүк

Жети күн мурун кошулуп, Болуп калган ашыгы, Көргөн адам жашыды.

Ал жашыган себеби

Төштүк менен Кенжеке

Кучакташып өбүшүп,

Мыктап алып ошондо Айтамактан өбүшүп,

Эки ашыкты көргөндө

Кара көнүл эр ыйлап,

Кандай болот экен деп,

Кары картаң тең ыйлап, Көрүп турса иш кыйын.

Кереметтүү Кенжеке

Көк куржундун ичинен Көк чайинги бир буюм

Көрүп турган көз ушул.

Кенжекенин сөзү ушул:

– Айтканым азыр билип ал,

Антташкан төрөм, тилимди ал, Айбан басып куш учпас, Жерге кетип барасың. Адам каттап журт укпас, Элге кетип барасың. Адам түшсө чыккысыз, Орго кетип барасың. Чалынсаң кайта кутулбас, Төргө кетип барасың. Барсаң кайра келбейсиң, Базар үйүң көрбөйсүң. Кетсең кайра келбейсиң, Кенжекеңди көрбөйсүң.

Намыс кылбай, кеп кылбай, Катын тону дебесең, Чайингини кийиңиз. Катын аты дебесең, Чалкуйрукту миниңиз.

Айтсам кызык мунум бар,

Ай Төштүк төрөм, угуп ал, Атакемдин колунан Алып келдим мен сурап. Алтын сакам мунум бар, Бул саканын өзүндө, Сан кара малдын куну бар. Күн кайнаган жел болсо,

Адам суусап акактап,

Мээ кайнаткан чөл болсо, Керек болот бул сака. Өкчөп койсоң көлөкө, Терек болот бул сака. Агыны катуу суу келсе, Астыңа салган көпүрө. Ай Төштүктүн мүлкү деп, Кыйла жандар өкүнөт.

Бет алышкан жоо келсе,

Бейпайлашкан доо келсе, Пайда болот бул сака. Маңдайлаша калганда Найза болот бул сака. Бир чымындай жаныңа Пайда болот бул сака. Жоготуп ийсең саканы, Колу кабыл келбейсиң. Жоготпой кел саканы, Сырттаным сизге аманат! Менин атам Сарыбай

Ааламдан чыккан бай эле, Төрт түлүгү шай эле! Эң кымбат жакшы буюмдай, Эки кымбат бар эле!

Төштүк сенин жорторуң, Келбестен муну билгемин.

Төштүккө керек экен деп,

Долуланып чыңырып, Ыйлап жатып алганмын.

Атам менен энемден Сака менен өгөөнү Каалап сурап алгамын.

Бир кудайга зар ыйлап,

Төштүк сага арнап,

Минтип ыйлап Кенжеке Деген сөзгө көндү дейт. Аманат алтын саканы, Эр Төштүккө берди дейт.

Айт-куйт минсе чарчабас, Чалкуйрук сиздин малыңыз.

Тапсаң болот өгөөнү, Көөдөндө ысык жаныңыз. Айым бейбак айтты деп,

Көөдөнгө муну салыңыз. Жана берем бир буюм, Аманат кылып алыңыз. Ургаачылык уз кезде

Мен бейтаалай кыз кезде,

Тулпар минип желкелеп,

Ата менен энеме

Артык жүрдүм эркелеп, Өзүм бала секелек, Өрүмгө чачым жете элек. Ошондо мен Кенжеке Он экиден өтө элек.

Менин атам Сарыбай Сарамжалдуу бай эле. Миң жылга жеткен күл азык, Камдап жүргөн жан эле. Менин атам Сарыбай

Улук да экен, бай да экен. Арбын дүйнө казына, Сарыбайда бар экен.

Артыгыраак акылман Чоң даанышман жан экен. Келер менен кетерди, Билип турган жан экен.

Калайык көчүп дүркүрөп,

Калк жайлоого көчкөндө,

Бетеге ыраң жок болуп,

Малдын майы толгондо,

Жылкыдан кармап миң бээни, Атам шордуу союптур. Эрге керек күл азык, Менин атам Сарыбай Эчак камдап коюптур. Суусасаң суусун кандырат, Ачсаң курсак тойгузат.

Сенделген жанды сергитет, Арык жанды семиртет. Ынана көргүн сөзүмө Керек болот өзүңө.

Кол башындай ак баштык, Ал Төштүккө чак баштык, Ичинде бар эле азык.

Алып келди Кенжеке: – Аманат кылып алыңыз, Кисеңизге салыңыз. Башка мүшкүл иш түшсө, Көңүлгө мени алыңыз.

Сырттаным уккун сөзүмдү, Кантсе да аны көрөт деп, Эчак эбак билгемин. Эрге керек буюмду, Мен кара бет Кенжеке Эчак камдап жүргөмүн.

Жана кызык мунум бар,

Төштүк төрөм угуп ал,

Ичим – жалын, боорум – чок, Кенжекенин колунда, Нелер бар да, нелер жок.

Болоруң билип мен бейбак, Көңүлүм эчак бөлүнгөн, Көзүмдөн жашым төгүлгөн. Минер атың Чалкуйрук Кыл куйруктун тулпары.

Жылкынын кыйын күлүгү,

Төрт буту бар дебесе,

Бул жаныбар Чалкуйрук Канаты бар мал эле. Касиеттүү ал эле,

Чалкуйрукка ылайык

Оой сырттаным угуп ал, Бир буюмум бар эле.

Алыс сапар жол жүрсөң,

Ат аябай мол жүрсөң,

Кыясы кымбат бел болсо, Кырк күнчүлүк чөл болсо,

Ошо чөлгө барганда,

Ай караңгы түн түшсө,

Азаптуу башка күн түшсө,

Эр башына күн түшсө,

Өтүк менен суу кечсе,

Ат башына иш түшүп,

Ооздук менен суу ичсе,

Кырсык чалып Чалкуйрук

Оруп-жооруп кетер деп,

Ачка болсо жаныбар,

Карыптык алга жетер деп, Чалкуйрукка ылайык Артык жабуу жасадым. Була менен жибекти, Аралаш ийрип талдырдым.

Табылгынын былкылдак,

Көк чыбыктан кестирип, Мээр чөптөн аралаш, Ал жабууга салдырдым.

Айтсам керек мунум бар,

Сырттаным Төштүк угуп ал, Өз башына күн түшсө, Кан калтада күлазык.

Ат башына иш түшсө, Жабууда бар күлазык. Деген сөзгө көнүңүз,

Жабуудагы мээр чөп,

Четинен сөгүп жиберип, Ар күнүндө бир тутам, Чалкуйрукка бериңиз. Семирбесе арыбайт,

Күчөбөсө талыбайт.

Олбуй-олбуй камчы уруп,

Оң тетири теминсең,

Чалкуйруктун кеби бар, Учуп жетер жери бар.

Бу жагына сак болгун,

Элемандын сырттаны

Катын аты дебестен, Чалкуйрукту минди дейт. Катыны тону дебестен Чайинги тонду кийди дейт.

Айтып турса иш кыйын, Аташканы Кенжеке Алып чыкты бир буюм.

Алып чыккан буюмдун,

Сом алтындан сабы бар. Адам билбес кабы бар, Айтсам кызык мунум бар.

Арстаным Төштүк угуп ал, Аз болгондо карандын Алты жүз нарлык куну бар. Көп адамдар сураган, Атын койгон Нар кескен.

Жуурганда каранды,

Бир миң уста кураган,

Арстан тилим алыңыз, Аманат кылып ушуну Оң жагына салыңыз. Жортконуң узак жыл болор, Жолдош кылып алыңыз. Жүрө берсе жаныңда Тил сүйлөбөс болжошуң.

Кыйкырсаң жоого киргенде, Кыбаңды жазар бокушуң, Деген сөзгө көндү эле.

Эр Төштүктүн колуна Нар кескенди берди эле.

Төрөсү сырттанга

Жоо-жарак тонду кийгизип,

Акылы башка Кенжеке

Кылдаттыгын билгизип,

Кериле басып бөлүнүп,

Кереметтүү Кенжеке

Көзүнөн жашы төгүлүп, – Келесиңби жоксуңбу,

Келберсиген сырттаным.

Арсар күмөн оюмда

Сырттаным, сенден бир белек, Калып калды боюмда. Эркек болбой кыз болсо, Дегениме көнөрмүн.

Ыйлабас жерге берермин, Көп зарланбай Кенжеке Аркаңдан мен да өлөрмүн. Кокустан эркек уул болсо, Бек ардактап багармын. Беренден калган туяк деп, Медер кылып алармын. Туягың эркек болсо,

Катын башым эр кылып,

Кара башым туу кылып, Медетиңди билербиз,

Келериңди билербиз. Кереметтүү мен бейбак, Жети жылы күйөрбүз!

Чаар инген менен Кенжеке, Ак тулпар бээ үчөөбүз, Сени күтүп жүрөрбүз.

Сапарыңдан келсеңиз, Аман бизди көрсөңүз, Анан кийин төрөрбүз.

Деп ошентип Кенжеке

Колунан кармап кар жыттап, Куркурата бек жыттап, Козголтуп жолго салды дейт. Кебез-Тоонун бери жагы,

Кең Кашкардын ары жагы,

Чоң талаадай жеринен

Элемандын сырттаны

Ажырап чыкты ошондо, Калың кыпчак элинен.

Айрылып чыкты эр Төштүк, Антташканы күл жары Кенжеке зайбынан.

Адыр-күдүр бел ашып,

Ашуу ашып, таш басып, Кашкардын кара тоосун жакалап, Жалгыз жолду бакалап,

Эрикпей Төштүк жол жүрүп,

Эсеби жок мол жүрүп,

Кулан арбын аркар көп, Ээн талаага келди эле.

Бу жак жагын караса, Тоонун башы көрүнбөйт. Бул жак жагын караса, Талаанын учу бөлүнбөйт.

Элемандын сырттандын

Болоттон найза колунда,

Болоттон кылыч жонунда,

Көрсө көңүл бөлүнүп,

Элемандын сырттаны Опол тоодой көрүнүп.

Берленип белсенип,

Пери ургандай теңселип, Төштүк жайы ушундай.

Кара жаак айбалта

Кармап колго иле албай,

Калып калган өгөөнүн

Кайда экенин биле албай, Аң-таң калып жүрдү эми.

Караса көзгө илинбей,

Душман кайда, эл кайда, Кайсы экени билинбей. Ээр белдей белести,

Ашып барып эр Төштүк, Чалкуйрук оозун бурду эле.

Мына ошондо караса,

Калк аманын кааласа,

Күн бүткөндөн түн бүтүп,

Астындагы Чалкуйрук Адамча сүйлөп турду эми.

Чалкуйрукка тил бүтүп,

Улутунуп Чалкуйрук

Бугудай мойнун бурду дейт. Эр Төштүккө ошондо, Адамча сүйлөп турду дейт.

– Эрдигиң калың, эсиң жок,

Төштүк,

Эчтеме менен ишиң жок, Төштүк.

Алаң жаман акыл жок,

Төштүк,

Адамда сендей баатыр жок, Төштүк. Айбан да болсом мен жолдош, Айтканым ушул билип ал,

Төштүк,

Чалкуйрук аттын тилин ал,

Төштүк, Тил албасаң өлөсүң, Төштүк.

Кыямат жүзүн көрөсүң, Төштүк.

Айтканым кыйла билип ал,

Төштүк, Акылыңа түйүп ал, Төштүк.

Акылыңа түйбөсөң, Төштүк,

Айтканымды билбесең, Төштүк, Азапты артык көрөсүң, Төштүк, Ажалдан мурун өлөсүң, Төштүк. Мен билгенди билдиңби,

Төштүк,

Мен туйганды туйдуңбу, Төштүк. Туйбасаң мен айтайын, Төштүк, Казып койгон ор болот, Төштүк. Кара жанга зар болот, Төштүк,

Пендеден андай жан чыкпайт, Төштүк. Денеде жети башы бар, Төштүк, Жансыз соку аты бар, Төштүк. Бурулган бузук сөзү бар,

Жаланкычтын өзү бар Төштүк.

Мен туйганды туйдуңбу, Мен көргөндү көрдүңбү?

Анда Төштүк муну айтат: – Ай Чалкуйрук бууданым, Айбан да болсоң тууганым. Сен туйганды туйбадым, Сен көргөндү көрбөдүм.

Көрбөй турган себебим, Түнөргүрдүн көзүнө Түк эчтеме көрүнбөйт. Түн ичинде суу ичип, Көзүмө чыгып кеткенби?

Караргырдын көзүнө, Көр чалыңкы көрүнөт. Караңгыда суу ичип, Көзгө чыгып кеткенби?

– Карарган кара көзүңө

Көр чалыңкы көрүнсө,

Мен айтайын, сен уккун,

Төштүк, Ысык жарың Кенжеке Атасынан көчкөндө,

Жетелеген чаар инген,

Жети күн баткак батыптыр,

Төштүк,

Суура алышпай жатыптыр, Төштүк.

Атакең төөнү чалыптыр,

Төштүк,

Өпкөнү суудан алыптыр, Төштүк. Өпкөнү суудан алганда, Балакетке калыптыр, Төштүк. Жети баштуу кемпирдин, Дегенине көнүптүр, Төштүк. Сурап алып өгөөнү, Желмогузга бериптир, Төштүк. Өгөөнү көзү көрүптүр, Төштүк, Мээнет башка озуптур Төштүк.

Жети баштуу желмогуз, Сени катуу тосуптур, Төштүк.

Кара жаак булдурсун, Кармай калып имергин, Төштүк. Каран калган кардыма,

Катуу тартып жибергин, Төштүк. Каргыш тийген кара сан

Катыра камчы чаба көр,  Төштүк. Койдой этим бөлүнсүн,Төштүк, Коёндой жонум созулсун, Төштүк.

Тайдай этим бөлүнсүн,

Төштүк,

Тайгандай жонум үзүлсүн, Төштүк.

Араандай оозум ачылсын,

Төштүк, Кан аралаш ак көбүк, Омуроомо чачылсын, Төштүк. Бүрүшүп калган туягым, Чоң чарадай ачылсын, Төштүк.

Булуттуу көктүн астынан Буралган шибер үстүнөн Бурулбай алып учайын. Канатты катуу жаяйын, Катуу күчкө салайын.

Андай-мындай дегиче, Ачып көздү жумгуча, Кемпирге алып барайын. Ал кемпирге барганда, Адамдан артык билгич бол.

Кыргыйдан кыраан илгич бол, Төштүк. Мен бугудай мойнум бурайын, Өгөөгө жакын турайын,

Төштүк.

Бой жашырып коёюн, Өгөөгө жакын болоюн, Төштүк. Кемпирге барып муну айткын: Адам билбес шумду айткын, Кемпирге барып алдагын.

«Ассалоом алеким эне киши деп айткын: Алейкиме салоомалейким, бала киши» деп кемпир айтат. Энеке, өгөөнү алып берчи де.

Корком отура албайм, балам,

Отурсам тура албайм, балам,

Белим бекчейген, балам,

Көзүм чекчейген, балам,

Тишим сары болгон балам, Өзүм карып болгомун балам, Деп кемпир айтат:

Сен анда мындай де,

Өгөөнү сен эле алып бер деп, сен айткын,

Оңбогон кемпир оңбос, Одураңдап болбос, Карды карыш бырышар.

Желмогуз кемпир урушар. Сени кармап алууга,

Амал кылып тырышар.

Анда сен муну айта көр,

Ат бороюн сыдырыпсың, Аалам жердин баарын кыдырыпсың,

Жети күнү жердин астын чалыпсың,

Жети күнү жердин үстүн чалыпсың, Жортуп жолуң мол болсун.

Өзүңүзгө өзүңүз,

Көк мончок менен Ак мончок

Кызыңызга жол болсун деп, сен айткын.

Анда кемпир мындай дейт: Аапий татай көтөк,

Эси жок туулган эки кыз,

Эл кыдырып келдиби, Эр кыдырып келдиби, Деп ошондой дегенде Моюнума камчы баса көр.

Өгөөнү чапчып кача көр,

Төштүк,

Анталаңдап шашпагын, Төштүк.

Абайлап оозум тарта көр,

Төштүк,

Менин капталдан чыгат  канатым. Күн чыгыш менен күн батыш, Аркырап учмай адатым, Төштүк.

Абайлап оозум жыя көр,

Төштүк, Аз акылың өзүңө Төштүк,

Кире көр айткан сөзүмө, Төштүк. Айткан тилге кирбесең, Акылымды билбесең, Өз убалың өзүңө.

Эмгегиң кара төбөңө, Төштүк, Сени аңдыган кемпирдин, Амалы артык заары күч.

Колуна тийсең кылат түз,

Төштүк, Кемпирдин тийсең колуна, Урундуң кара шоруна, Төштүк. Таласа тарпты койчу эмес,

Төштүк,

Шимирсе канга тойчу эмес, Төштүк. Айтканым ушу билгин деп,

Айтпай койду Чалкуйрук Элемандын эр Төштүк,

Өөдө-төмөн карабай,

Өлөмүн деп санабай, Ажалы жетсе өлүүгө.

Ажалы жетпей бар болсо,

Ал өгөөнү көрүүгө Кара жаак булдурсун, Кармай калды имерип. Камчы чаппас кара сан, Катуу тартып жиберди.

Тулпар экен Чалкуйрук,

Баскан жери быркырап,

Аркардай арыш чойгондо,

Угуучудай дыркырап,

Томуктун учу бөлүнүп,

Камчы таамай тийгенде, Койдой эти бөлүнүп.

Казандай оозу ачылып, Капталдан канат чачылып.

Караса көзгө илинбей,

Закым болуп жер жүзү, Кайсы экени билинбей. Андай-мындай дегиче,

Ачып көздү жумгуча,

Көз ирметпей бөлүнүп, Закым болуп көрүнүп.

Буудан экен Чалкуйрук

Бугудай моюнун бурду эле,Чалкуйрук айткан кемпирге

Караса көзгө илинбей,

Закым болуп жер жүзү, Кайсы экени билинбей. Андай-мындай дегиче,

Сырттан туулган эр Төштүк, Эми барып турду эле.

Төштүк желмогуз кемпирдин кашына Чалкуйрук менен барып жетип өгөөнү ала качканы

Элемандын Төштүгү

Күч-кубатын кааласа, Ал кемпирди караса, Касардай аппак чачы бар. Бир башында кемпирдин Санаса жети башы бар. Жаны соку аты бар, Таң калып Төштүк тамшанды. Соку минип ал кемпир, Сок билектен камчы алган. Сыягы башка, заары күч, Ал каапырдан күдөр үз.

Чекеси кетип тырышкан, Көрүнгөн менен урушкан.

Беттеп пенде келбеген,

Төштүк, Төштүк болгону, Төштүк атка конгону, Балекет мындай көрбөгөн.

Көк кемантай жонунда, Ийреги бар колунда, Ор ийрегим оргун деп,

Оруп ичин тырманган.

Оройлугу бир башка

Ал кемпирди көргөндө, Элемандын сырттаны Көңүлү жаман бөлүндү.

Жаналгычтай көрүндү,

Мүшкүл экен шум экен, Жан алуучу бул экен. Жакындап барып турууга, Оюу кетти Төштүктүн. Жанагыдай кылууга:

  • Ассалоом алеким, жети баштуу энеке. Анда кемпир муну айтат:
  • Алейкиме салоом алейким

Желмогуздай балакет – Күчөп кемпир муну айтат, Желмогуздай шумду айтат, – Оо, балам жоготконуң эмине, Жоолаганың ким эле. Жолуң болгон чунагым, Айта койчу тим эле.

Кемпир мындай дегенде Төштүк туруп муну айтат: – Жоготконум бир нерсе Жоолаганым бир эме. Караганым бир нерсе, Каалаганым бир эме.

Астыңда тулпар канатым,

Камына чыгып жоо келсе, Талкан кылар адатым.

Элемандын Кенжеси

Менин жайым сурасаң,

Бир кудайдын бендеси.

Урунарга тоо таппай,

Урушарга жоо таппай, Алгыр Төштүк тынармын. Кармашууга жоо таппай, Капа болуп турамын.

Жаактууга жай бербес,

Жайдак атка бой бербес, Элемандын эр Төштүк Эр Төштүктүн өзүмүн. Керишерге жоо таппай,

Кезип жүргөн көзүмүн. Деген сөзгө көнүңүз, Кары адам экенсиз.

Кары киши экенсиз Өгөөнү алып бериңиз.

Анда кемпир муну айтат:

– Ээй балам, жалындуу экен көөнүңүз, Керек болсо өгөөнү Өзүңүз ала коюңуз. Ээй балам, тириликтин азабын, Өлбөй жүрүп көргөмүн.

Менин жашым сурасаң, Эки жүз жашка келгемин. Эрге кызмат кыла албайм, Эңкейип өөдө тура албайм. Сөзүңө кулак сала албайм,

Отурсам өөдө тура албайм.

Турсам кайта отурбайм,

Белим калган бекчейип,

Көзүм калган чекчейип,

Карылыктын айынан Отурамын окшоюп, Улуган иттей соксоюп.

Бөгүп калган жеримде, Бөкчөйүп өөдө тура албайм. Турсам отура албаймын, Отурсам мен тура албайм.

Өгөөңдү алып бере албайм, Өзүң түшүп ала кой,

Бул сөзүңө көнө албайм. Анда бала муну айтат:

– Оой энеке, ашык жашка барганың, Абыдан карып калганың, Айткан менен тил албайм.

Аттан түшсөм мине албайм, Түшсөм кайра мине албайм.

Менин жайым ушундай

Деген сөзгө көнүңүз, Өгөөнү алып бериңиз. Жети күнгө энеке Жердин үстүн чалыпсыз. Жети күнү энеке Жер алдына барыпсыз. Өзүңүзгө жол болсун, Жол болгондо мол болсун.

Кыдырыпсыз кыйланы,

Сен баспаган жер калбай,

Сен көрбөгөн эл калбай,

Ааламды кыдырып,

Ашкан экен үнүңүз.

Көкмончок менен Акмончок, Эмине кылып келатат, Аркаңызда кызыңыз?

– Апай көтөк-татай деп,

Апий шиктир кандай деп,

Эби кеткен талпактар

Мен кеткенде ээленип,

Эр издеген экен деп,

Эр издесе бейбактар,

Экөө катар кошулуп,

Тең издеген экен деп,

Чочугандан ал кемпир, Бейбак кепти салганы.

Оңураңдап-окшоктоп, Артын карай калганы. Элемандын Төштүгү Ыктылуугу башкача.

Андай-мындай дегиче Ачып көздү жумгуча, Коломтодо өгөөнү, Чап илип калганы.

Оңолуп кемпир аңгыча,

Сокусун минип аңгыча,

Ийрегин минип аңгыча, Шамдагайы болжолсуз, Кайран Төштүк канетет.

Жоголгон өгөө табылып, Абийри минтип жабылып.

Колуна өгөө тийген соң, Элемандын эр Төштүк

Чалкуйрукка камынып,

Мына ошондо Чалкуйрук

Өгөөнү илип алганда Бугудай моюнун бурады, Буйдалбай аттап чурады. Чалкуйругу курусун

Басып өткөн таштан

Кат-катынан быркырап, Жолум үйдөй даңканы

Кемпирди көздөй чыркырап, Чу койгондо бөлүнүп, Тулпарлык сыны көрүнүп.

Көрүнгөндө көрүнүп,

Көрүнбөсө Чалкуйрук Көк түтүн болуп бөлүнүп. Чалкуйрук оозун жайган

Төштүк качып калганы,

Жети баштуу ал кемпир,

Сокусун минип соксоктоп, Сок билек менен сокусун, Камчылана токмоктоп.

– Ор ийрегим оргун деп,

Орчу болсоң ийрегим, Элемандын Төштүгүн Аты менен соргун деп.

Ал ийрегим алгын деп,

Элемандын сырттанын

Эки бөлүп салгын деп,

Кемпир келет күүлөнүп, Эр Төштүккө сүйлөнүп.

Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айлана куубасам, Кемпир болбой өлөйүн. Туубай туна чөгөйүн,

Медийненин беш бурчун,

Беш айланта куубасам,

Сары изиңе чөп салып,

Саргара кууп өтпөсөм, Адам барбас таптакыр, Жерге чейин куубасам. Кулак угуп, көз көргүс Элге чейин куубасам.

Жайбасам аппак чачымды, Чыгарайын денемден, Так эле жети башымды.

Күүлөнүп күчүк албасам,

Сени союп салбасам,

Жети баш кемпир дедиртпей, Бул көрөкчө өлөйүн.

Атыңдын оозун бура тур,

Арстан болсоң сен Төштүк. Алдыңкы жайга тура тур. Бирөөбүзгө – бирөөбүз

Баатырлыкты билгизип,

Айкырышып урушуп,

Кезектеп найза салалы.

Айтып кемпир какылдап, Кууп келет такымдап, Жети баштуу ал кемпир. «Ор ийрегим, оргун деп, Жана үндү салды эле. Каарды жаман баштады, Каапырыңдын ийреги. Эми анча болбосо

Элемандын Төштүгүн Оруп кете таштады.

Ийректин күүсүн көргөндө,

Элемандын Төштүктүн

Билегинен сап кетти, Жүрөгүнөн кан кетти. Адам жүрүп жан баргыс, Чөлгө кире качты эле.

Оңбогон кемпир оңбоду, Ого түткөн Төштүктүн Чымындай жанын койбоду.

Кемпир чындап жүгүрдү, Элемандын сырттаны Чымындай жандан түңүлдү.

Чыдабай эле эр Төштүк Кайып басып токтогус, Тоого чыга качты эле.

Жору консо токтогус, Зоого чыга качты эле. Түгөнгөн кемпир оңбоду, Такымдап эми койбоду.

Түлкү шимшип жойлойбу, Чөлгө сала качты эле. Күндүз адам адашаар Белге сала качты эле. Кутулсам деп Төштүктүн Көзү кетти кызарып.

– Ор ийрегим, оргун – деп, Ойрон кемпир айтканда, Ашып келет узарып. Жер менен көктөн желпинип, Жетик качып калды эми. Жер жарыгы тозокко, Жакын кирип барды эми. Жарыкка жакын калганда, Көңүлү кетип бөлүндү. Арт жагынан ал кемпир, Койбоочудай көрүндү. Элемандын эр Төштүк Орону чоочуп ич күйүп. Кара жаак камчыны, Кармай калып имерди.

Каран калгыр канткен деп, Чалкуйруктай тулпарды Такымга тартып жиберди. Камчы тийбес Чалкуйрук Катуу камчы тийгени.

Кайраттанып жаныбар

Араандай оозу ачылып, Кан аралаш ак көбүк, Омуроого чачылып. Этине келген Чалкуйрук, Башын жерге салды эле. Кара жерди токмоктоп, Канатты күүлөп калды эле.

Мурундан буусу буркурап,

Элемандын Төштүгүн

Алып учту дыркырап,

А дегенде бир көрдү,

Андан кийин ким көрдү,

Жети баштуу жез кемпир, Сыйкырчы экен, зерчи экен. Жердин үстүн жер алдын Жетик байкап көрчү экен.

Эпсиз экен ал кемпир,

Элемандын Төштүктү Эрикпей кууп алганы. Жер тешиги чуңкурга Бута бою калганы.

Мына ошондо бул кемпир, Амалды катуу артты эми, Жер танабын тапты эми. Колундагы ийректи, Оңдоп колго алды эми.

– Бөлүнгүрдүн кара жер

Бөлүнө берип өткүн деп, Жарылгырдын кара жер

Жарылып жатып калгын деп, Бул амалды кылды эле. Колундагы ийректи,

Эр Төштүктүн башынан Алыс келип урду эле.

Жарыла берип дем өттү, Тегерегинен тер кетти,

Оодарылып жер кетти. Жез кемпирдин ийреги, Куулап келип өттү эми.

Чалкуйрук оозун бура албай,

Жер үстүнө тура албай, Арт жагынан куркурап,

Төштүк жер астына түшүп кеткени, жер алдынан жети жолдош тапканы

Төштүк кирип кетти эми.

 

Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай экен дүйнө бок. Кулак жулкуп, баш жарган, Жерге кирди эр Төштүк. Жарыкчылык шоола жок, Көргө кирди эр Төштүк.

Айгай кулак тундурган, Дууга кирди эр Төштүк. Айыкпаган чоң тозок, Чууга кирди эр Төштүк. Адам кайра чыккысыз, Орго кирди эр Төштүк. Жандуу адам кайрылгыс, Жолго кирди эр Төштүк. Арылбаган эң жаман, Шорго кирди эр Төштүк. Жалыны өчүп койбогон, Көргө кирди эр Төштүк. Кудай билет өлүштү,

Кудай билет эр Төштүк Өлбөй аман келишти.

Түштү кемпир оруна,

Төштүк кетти зымырап, Барса келбес колуна.

Элемандын эр Төштүк

Эр сырттаны кайран эр, Көрүп чыгып келатат.

Кенжеке берген аманат,

Астындагы Чалкуйрук

Тутам-тутам чалдырып, Берип чыгып келатат. Эр Төштүктүн өзүнө Түк эчтеме көрүнбөйт. Түнөрүңкү көзүнө, Чама чарчап, ал кетет. Өө дегенде оозунан, Өжөк-өжөк кан кетет.

Жер алдына жетпестен, Төштүк кайдан токтоду.

Башына түшүп чоң мүшкүл, Кенжекенин күлазык, Сырттан Төштүк жоктоду.

Жан калтанын ичинен,

Ак быштыктын түбүнөн, Ала коюп колуна,

Таңдайына салды эми.

Элемандын сырттаны

Шимирип жатып калды эми.

Шимиргенде Төштүктүн, Уюган жери басылды,Умачтай көзү ачылды.

Төштүктүн Жейрен секиртпес Маамытка жолугуп жолдош кылганы

Адам барбас эң жаман Жерге түштү эр Төштүк. Көз кайыган мунарык, Чөлгө түштү эр Төштүк. Чөлгө барып түшкөндө, Көңүлү кетип бөлүнөт. Маңдайында боз дөбө, Эр Төштүккө көрүнөт.

Такыядай дөбөгө Салып Төштүк барды эле, Чалкуйрук оозун бурду эле.

Төгөрөктүн төрт бурчун Төрт айланта кыдырып, Төштүк карап турду эле.

Караса көзгө илинбейт,

Боз мунарык күйгөн чаң, Кайсы экени билинбейт.

Куркулдаган кузгун жок,

Какылдаган карга жок, Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай экен дүйнө бок.

Мунарыктын ары жагы, Бозоргондун бер жагы, Эрбең-сербең көрүнөт. Карап туруп эр Төштүк, Көңүлү жаман бөлүнөт. Элчилиги бар болсо,

Жолдош кылып алайын.

Жоочулугу бар болсо, Тындым кылып салайын.

Деп ошентип эр Төштүк,

Салып барып караса,

Тикилдеген көзү бар,

Тик караган өзү бар,

Жан казандай башы бар, Кылдай ничке моюну бар, Кылымда болбойт мындай жан.

Кылымга тиет бүлүгү,

Көккө жерге бир тийген,

Арыш уруп чуркаса,

Адам кууп жеткисиз Күлүктүгү билинген. Тегирмендин бир ташы, Моюнуна илинген.

Анталаңдап бул өзү, Өөдө-төмөн жүгүргөн.

Элемандын эр Төштүк

Чалкуйрук оозун бурду эле,

Чамасы кыйын заары күч,

Чалып ийчү эмедей,

Чакчайып барып ал жандын Жайын сурап турду эле. – Өөдө-төмөн жээлигип, Өпкөң көпкөн сен кимсиң. Душмансыңбы, элсиңби, Жиндисиңби, жөнсүңбү?

Ыргып кетет башыңыз,

Төгүлүп кетет жашыңыз, Айтканды анык угуңуз,

Эгерде чыкпайт сиздей жан, Чыныңды айтып туруңуз. Анда күлүк муну айтат: Адам билип журт туйгус Аябаган сөздү айтат.

– Кабарчыдан кеп угуп,

Жер үстүнөн Төштүктү

Жети баштуу жез кемпир,

Сыйкыр окуп, көз байлап, Жер алдына Төштүктү Алып келди деп угуп.

Тогуз уулдун кенжеси, Жараткандын бендеси,

Астыңдагы Чалкуйрук

Артык тулпар чоң күлүк,

Элемандын Төштүгү

Бул жерге салса чоң бүлүк,

Каарды катуу салат деп,

Чалкуйруктун дүбүртүн

Уккан жан өлүп калат деп, Шашкандыгым дагы чын.

Алапайым таба албай, Качкандыгым дагы чын.

Билсең мындай баркым бар,

Жүргөн, учкан жандарды, Куткарбай турган наркым бар. Желгениме жел жетпейт, Басканыма мал жетпейт. Куланды куусам куткарбайм, Жейрен качса секиртпейм.

Эр кадырын билемин,

Элемандын сырттаны

Төштүк келсе бул жерге,

Жөө күлүк болуп берсем деп, Ошону каалап жүрөмүн.

Желдей Маамыт муну айтып, Айтып оозум жыйгыча, Анда Төштүк муну айтат:

– Өлүм орток жан бирге

Күлүк болсоң сен Маамыт Уккун айткан сөзүмдү. Кел эмесе, Маамытым Мураа болгун өзүмө. Асмандагы жылдыздай, Козголуша калалы. Кол кармашып экөөбүз, Дос болуша калалы.

Өлсөк бирге өлөлү, Жети күндүк дүйнөнүн

Төштүк Жер тыңшаар Маамытка жолугуп жолдош кылганы

Кызыгын бирге көрөлү.

 

Андан ары бастырса, Тай кыядай боз дөбө Урчугу чыгып көрүнөт.

Ал дөбөнү көргөндө

Элемандын сырттаны Көңүлү кетип бөлүнөт. Ал дөбөгө барганда

Чоңдугу борчук сеңирдей,

Кармашы кеткен адамды,

Тири койбой жегидей,

Жерди тыңшап жээлигип, Өөдө-төмөн тоңкоңдоп, Качып жүрөт ээлигип.

Жерди тыншап бай-пайлап, Төбөгө чыкпайт сай-сайлап,

Ашып-шашып жүгүрүп, Ата эми кандай болом.

Көзү кеткен алактап,

Буту кеткен салактап,

Элемандын сырттаны

Чалкуйрук оозун бурду эле, Сөз сурап анык билүүгө, Жаныма барып турду эле. – Акылыңдан айрылып, Шашып жүргөн сен кимсиң? Ары-бери антаңдап, Качып жүргөн сен кимсиң? Анда тыңшаар муну айтат: – Акылымдан айрылып, Шашкандыгым дагы чын.

Корголорго жер таппай, Качкандыгым дагы чын.

Чоңдугу тоонун теңиндей Кармашканды жегидей, Төштүк келет деп уктум. Каарданса ал Төштүк,

Кашайта көздү оёт деп,

Тебелеп кетсе Чалкуйрук

Бөөдө өлтүрүп коёт деп, Айлам кетип антаңдап, Шашкандыгым дагы чын.

Корголорго жер таппай, Качкандыгым дагы чын. Жерди тыңшап карасам,

Эл аманын кааласам, Тилегимди бир кудай Берип калган көрүнөт. Элемандын Төштүгү Келип калган көрүнөт.

Ошол Төштүк сен болсоң, Төштүккө кызмат кылуучу

Жер тыңшаар Маамыт мен болсом Коркунучум бар эле. Бир жараткан алдуудан Тилегеним ушу эле.

Казба менин орумду, Кайнатпагын шорумду, Айтканым ушу билип ал.

Арстан Төштүк тилимди ал, Кулак сал айткан сөзүмө Мураа болом өзүңө.

Айтканыңа көнөмүн.

Күн чыгыш менен күн батыш

Эмине кабар угулса, Азыр айтып беремин. Жоого кирсең болжошмун, Кыйын күндө жолдошмун.

Өөдөгө чыксаң өбөкмүн, Ылдыйга түшсөң жөлөкмүн.

Бир өзүңө керекмин,

Элемандын Төштүгү

Ак шылдыдан боз болуп,

Аныкташып дос болуп,

Талаадан тыңшаар табылып Абийри мындан жабылып.

Үзүлгөнү уланып, Элемандын сырттаны Жолдош таап кубанып.

Төштүк Куюн Маамытка жолугуп жолдош кылганы

Атка минсе кишидей, Жөө жүрсө оңбогур. Желмогуздун тишиндей, Карыш болгон бою бар. Ааламдын баарысын Биле турган ою бар.

Адамдан жеңил эң эптүү,

Сүйлөп турса бал кептүү,

Чалкуйрук оозун бурду эле, Эки Маамыт жолдош таап, Эми Төштүк турду эле.

Жана келди бир адам.

– Оо ботом, көрбөсөм да билбесем,

Тогуз уулдун кенжеси,

Бир кудайдын бендеси,

Мында келип жолуккан, Берен Төштүк эсенби?

Келерин каалап билгемин,

Төштүк келер бекен деп, Алда таала кудайдан Ушуну сурап жүргөнмүн. Атка жеңил, тайга чак, Куюн Маамыт өзүммүн. Менин жайым ушундай Акылым эң көп, алым аз.

Көк дөө менен Кара кан,

Жер алдынын баашасы

Жерге киргир бизге кас.

Кейиш менен көп жүрдүк, Элемандын сырттаны Келер бекен деп жүрдүк.

Төштүк келип кашыма, Абийирим минтип жабылып, Кымбатым Төштүк табылып.

Мындан ары Көк дөө бар,

Көк дөөнүн кызы Күлайым, Келгендерден кеп угам.

Көк дөөнүн кызы Күлайым, Элемандын Төштүккө Ашык экен деп угам. Күлайымды аларбыз,

Азапка нечен каларбыз, Ал Көк дөөнүн жолдошу, Жети баштуу жез кемпир. Жез кемпирдин колунда, Темир ийрек тору бар.

Түшкөн кайра чыккысыз,

Көк дөөнүн казган ору бар.

Куюн Маамыттын

Төштүккө айтар сөзү бар. Балбандары баарысы, Башында жалгыз көзү бар.

Билсең Көк дөө каны бар,

Төштүк Көрөгөч Маамытка жолугуп жолдош кылганы

Балбандары баары бар, Барган адам кайтпаган, Кырк кулак казан дагы бар. Сизге душман кыйын бар, Бул кебимди угуп ал. Кучакташып дос болуп, Куюн Мамыт турганы.

 

Андай-мындай дегиче,

Ачып көздү жумгуча,

Көк дөөнү угуп Төштүктүн Көңүлү кетти бөлүнүп. Бет алдынан бир киши, Жана келди көрүнүп. Көрөгөч Маамыт өзү экен, Караган кара көзү экен.

Элемандын Төштүккө Жолдош болор кези экен. Алп мүчөлүү эр экен,

Күн чыгыш менен күн батыш Тиктеп көрүп берүүчү, Көрөгөчтүн өзү экен.

Балбандыгы башкача,

Баатырдыгы бир канча, Эр Төштүктүн келерин Ал көрөгөч көрүптүр.

Элеман уулу Төштүккө Өлгөнчө жолдош болом деп, Кудайдан сурап жүрүптүр. Элемандын Төштүккө Жолдош экен, бел да экен. Бары-жоктун баарысын, Көрүп берер эр да экен.

Элемандын Төштүккө,

Төштүк жолборско жолугуп жолдош кылганы

Төрт Маамыт келди табылып Сырттан Төштүк баатырдын Абийири минтип жабылып.

 

Андан ары жол жүрсө,

Ат аябай мол жүрсө,

Элемандын Төштүгү

Урунарга тоо таппай,

Урушарга жоо таппай,

Өрттөй болуп көз жайнап,

Өз журтунан айрылып,

Өлөйүн деп шор кайнап, Ээр белдей белести, Эңкейип Төштүк турду эле. Чыр-чыр-чыр чыгат, Чыркырап үнү бек чыгат. Чырылдаган ачуу үн, Кулак мурун жеп чыгат. Салып барып караса, Бир кудайдын кылганы.

Адамча айтып тил сүйлөйт: Ошо жолборс кубары Адамча сүйлөп турганы.

– Өчмөк бир отум тамызчы,

Төштүк, Өлгөн жаным тиргизчи, Төштүк, Суусап кеттим суу берчи,

Төштүк,

Эңкейип барам эт берчи,

Төштүк,

Жакшылыгын көп берчи, Төштүк.

Бугу куудум, баш жедим,

Төштүк,

Маралды куудум, таш жедим,

Төштүк,

Томугум болду жарадар, Төштүк Жатамын ээн талаада, Төштүк.

Кайгуул карап кайрылдым,

Төштүк

Кайран буттан айрылдым,

Төштүк, Чын бугу жебес ак Жолборс,

Чын таппай зар болдум, Төштүк.

Эрдигим кетти колумдан,

Төштүк,

Даакым түшпөй жонумдан,

Төштүк, Кулан жебес курган жан,

Куураган башка зар болдум,

Төштүк,

Кабымды таап кан берсең,

Төштүк,

Жанымды соолап жан берсең, Төштүк. Жолборс минтип турганда,

Элемандын сырттаны

Көңүлү кетип бөлүндү, Буту жара Ак жолборс Тууганындай көрүндү.

«Элинен азган мен арстан,

Бутунан азган бул арстан,

Чалкуйрук оозун бурайын, Ушу кайран арстанга Бир жакшылык кылайын». Тизеси жерге бүгүлүп,

Чалкуйруктун үстүнөн,

Чуркап түштү жүгүрүп. Барып Төштүк караса, Ал жолборстун бутуна, Чөмөр кирип кетиптир. Бул чөмөрдүн киргени бир, Бир кыйлага жетиптир. Жортуп жүрүп аш таппай, Арык болуп кетиптир.

Элемандын сырттаны Жакында болот кестегин, Кындан сууруп алды эми. Ак жолборстун таманын, Жонуп жатып калды эми. Жонуп жатып эр Төштүк, Чөмөр сууруп алды эми. Чөмөр суурган жеринен, Ириң менен кан кетти.

Ал жаралуу жолборстун Ооруган жери басылды, Умачтай көзү ачылды. – Жолуккан жоого көз болсоң, Жолдош болуп беремин. Башыңа мүшкүл иш түшсө, Айтканыңа көнөмүн.

Элемандын эр Төштүк, Дегениңе көнөйүн. Катуу мүшкүл иш көрсөң, Караан болуп берейин. Элемандын Төштүгү, Эрге мүшкүл бир келет. Эрге мүшкүл келгени, Кырсык чалып шор кайнайт. Кыраанга келген кырсыгы, Азык таппай көз жайнайт.

Мурутун булкуп калды эми, Түтөтсөң даяр болом деп, Төштүккө бере салды эми. Бул мурутту түтөтсөң, Көрүнөм Төштүк көзүңө. Азыр өлүп кеткиче, Жолдош болом өзүңө.

Муруттун жыты билинсе,

Күн чыгыш менен күн батыш Жеткен жерге барамын. Айткан анык сөзүңө, Жолугамын өзүңө.

Деп ошентип ак жолборс

Төштүктүн аюуга жолугуп жолдош кылганы

Көздөн кайым болду эле.

 

Андан ары жол жүрсө,

Мунарыктын алдында

Бурч токойдун алдында

Өкүргөндөн бакырып,

Ал токойго барганда

Адамча сүйлөйт бир аюу,

Оой, Төштүк деп чакырып,

Үстү камыш асты ор,

Чубана экен жалгыз сол, Олоңдогоң ал аюу, Орго түшкөн кези экен.

Кайра чыккыс эң кыйын, Торго түшкөн кези экен. Ошо түшкөн чуңкуру, Асты балчык, бети муз. Аюу жатып кайгырып,

Чыгамын деп бул жерден Тырмагынан айрылып.

Анча Төштүк барбаса,

Кыяматтын кыстоосун, Көрө турган болуптур. Ор ичинде кокоюп, Өлө турган болуптур.

Айбандары тил сүйлөп, Адам ай кызык мына бу иш.

Ал аюуну көргөндө,

Элемандын Төштүгү

Көзүнүн жашы төгүлүп,

Көңүлү кетип бөлүнүп,

Караргандан түнөрүп,

Сырттаның баатыр Төштүктүн, Бакырлык келди башына, Колун жууду шапшына. Жеринен азган мен бакыр, Жолунан азган бул бакыр. Кырк кулач кыл арканды, Аюуга таштай салганы. Ала коюп кыл аркан, Аюу белге чалганы.

Арстандыгы Алладан

Андай-мындай дегиче,

Ачып көздү жумгуча, Ордо калган аюуну Ордон сууруп алганы.

Самсалаңдап сабылып, Аюу сүйлөйт адамча Эр Төштүккө жалындап.

– Өлгөн жанды тиргизген, Өчкөн отту тамызган, Жер үстүнөн ырайым, Жеткирип сени көргөзгөн.

Карып болгон аюудан,

Бүгүн кетти убайым, Чамам келип ал жетсе, Сизге кызмат кыламын. Башыңа кыйын иш түшсө, Маңдайыңда турамын.

Айтканым ушу билип ал,

Сырттаным Төштүк тилимди ал.

Аюунун айткан сөзүнө, Арстан Төштүк көндү эми. Сырттанына ал аюу Мурутун жулуп берди эми.

Аманат кылып сырттаның

Аюунун алды мурутун,

Жан калтага салганда, Ордон чыккан ал аюу, Сырттандын досу болуптур.

Караса көзгө илинбей,Кай кеткени билинбей, Аюу кайып болуптур.

Төштүк кумурскага жолугуп жолдош кылганы

Дагы Төштүк жол жүрдү,

Төрт Маамытты ээрчитип, Ат аябай мол жүрдү. Т

үнөргөндөн карарган, Түз талаага кез болду. Ал талаанын боюнда, Оргуп түтүн бөлүнөт.

Уюгу менен кумурска, Каптап кеткен көрүнөт. Элемандын сырттаны Кумурсканы көргөндө,

Көңүлү кетип бөлүнөт.

Элемандын Төштүгү

Тизеси кетип бүгүлүп, Чалкуйруктун үстүнөн, Чуркап түштү жүгүрүп.

Айланайын төрт Маамыт, Эрендикти, эрдикти Кумурскага салалык. Күйүп жаткан байкушту, Ажыратып алалык.

Жейрен секиртпес Маамыт

Ачып көздү жумгуча,

Андай-мындай дегиче, Сууга салып бир кийиз,

Эр Төштүккө берди эле. Күйгөн отту жолотпой, Төштүк сабай берди эле.

Сүйлөй турган тили бар,

Адамдан эстүү Чалкуйрук Эр Төштүктүн канаты. Качан болсо сооп издейт, Жаныбардын адаты.

Чалкуйрук жайы ушундай,

Ачуу буудан, ачуу тынч,

Жаныбарым Чалкуйрук Маамыт менен желгени. Сууга салып токумун Эр Төштүккө бергени. Туура жагын жер тыңшаар Алып келип берди эле. Алкым жагын көрөгөч, Талап келип берди эле. Бери жагын эр Төштүк

Сабап келип берди эле. Кумурсканы ал өрттөн Аман алып калды эле. Өрттөнүп жаткан кумурска, Кумурсканын баашасы.

Элемандын эркеси

Бир кудайдын бендеси,

Түбүнө чогуу жетерде, Түгөл өрттөп кетерде, Күйгөн өрттү өчүрдү. – Күйгүзбөй калдым жанымда, Алып калдың баарын да. Айта берсем иш кыйын, Оюма келет бир буюм.

Баатыр Төштүк, кебимди ук, Жер алдына кабылып, Бакыр боло берипсиз. Кайгырба Төштүк, сырттаным, Көрө турган азап бар.

Казып койгон оруң бар,

Кайнатылуу шоруң бар.

Тийише турган эбиң бар, Ошол эрге барганда Керек болор жерим бар. Керекке берем бутумду, Береним Төштүк алыңыз.

Мээнеттүү башка иш түшсө, Белекке берген бутумду, Бир түтөтө салыңыз. Кумурскаларды кубалап, Дал өзүңө жетемин. Жоболоң башка иш түшсө, Жолдош болуп кетемин. Деп ошентип кумурска,

Берен Төштүк баатырдын, Берендигин көрдү эми.

Жулуп алып бир бутун

Сырттан Төштүк баатырга Аманат кылып берди эми.

Андан өтүп жол жүрдү, Элемандын Төштүгү Ат аябай мол жүрдү.

Ээрчиткени төрт Маамыт

Эриксе элик атышып, Эрикпесе талаада Эркин ойноп жатышып.

Куландан аңдып аркар кууп,

Курган Төштүк көк жалдын Ойной турган күнү тууп, Мекен кылды талааны.

Берен Төштүк сырттаның

Кук эткенден кузгун жок, Как эткенден карга жок, Ээн талаада жатышты.

Эр Төштүктүн мингени

Чалкуйрук тулпар сал моюн, Эр Төштүк менен төрт Мамыт, Ээн талаада салды оюн.

Чыканактап тынч алып, Чырым этип уйку алып, Тараза жылдыз батыптыр.

Таң кашкайып атыптыр,

Уйкудан Төштүк ойгонуп, Оң жагына толгонуп, Жер тыңшаар Маамыт кеп айтат.

– Өөдө бол Төштүк деп айтат, Жердин алдын жердеген, Көк дөө деген ханы бар.

Зордугу тоонун теңиндей

Ким көрүнсө жегидей, Ааламдын баарысын Жеке кыраар алы бар.

Ал Көк дөөнүн колунда Темир аркан Торуда Ургаачынын узу бар.

Үч кызынын кенжеси, Күлайым деген кызы бар. Элемандын эркеси, Эрдигин эчак билиптир.

Кумар болуп өзүңө, Кусадар болуп өзүңө, Тийгени сага жүрүптүр. Ошо сенин айыңдан, Дегенине көнүптүр.

Ат башындай алтынды, Ала келгин сырттан деп,

Кемпирге баарын бериптир.

Дуба окуп, көз байлап, Жер астына сиздерге, Азгырып алып келиптир. Кумар болгон өзүңө, Бейтаалайдын өзү экен. Быйыл Төштүк өзүңө, Тийгени жүргөн кези экен.

Баштагы аты Күлайым

Көк дөө деген каапырдын,

Кайраты катуу каапырдын, Үч кызынын кенжеси, Алууга эми барып кел. Жолоп келгин өзүнө, Көрүнүп кел көзүнө.

Төштүк сени санаса, Эбедейи эзилип, Эт-жүрөгү союлат.

Уктап жатса уйку жок, Басып жүрсө тынчы жок. Акыреттик төрт Маамыт,

Бул жерге таштай салыңыз Ала турган колуктуң, Ашыктан кабар алыңыз. Өзүң жоонун айласын Абдан билген эрдирсиң.

Көрөгөч аман бар болсо,

Бардыгын билип өтүүчү,

Көрөгөчтөн кеп угуп, Күлайым бар деп угуп.

Ажал жетсе өлүүгө,

Сулуусу күндөй Күлайым

Айкалышып көрүүгө, Көк дөө эрдин шаарына,

Эми Төштүк жол жүрдү.

Өткөн иштин жайынан,

Күлайымдын айынан

Эрикпей Төштүк жол жүрүп, Эсеби жок мол жүрүп.

Күн кеч кирип, түн бүтүп,

Чалкуйрукка тил бүтүп,

Бугудай мойнун бурганы,

Аман болсо төрт Маамыт, Демге келбей жетүүчү.

Төштүк Көк дөөнүн кызы Күлайымга жолукканы

Кишиче сүйлөп турганы. Элемандын эр Төштүк, Эрдигиң калың, эсиң жок.

Экөө Төштүк экениң, Улуу дүмөк үлкөн жол, Жүрбөгөн Төштүк экенсиң. Эндей этек, жайдак төш, Билбеген Төштүк экенсиң.

Мен көргөндү көрбөсөң,

Мен билгенди билбесең,

Тетиги мунарык болуп бурчтанган Булуң болуп учтанган, Мунарыкты көрдүңбү? Мунарыктын этеги, Карарганды көрдүңбү?

Анда Төштүк муну айтат, Адам билбес шумду айтат: – Ай чалгырым бууданым, Айбан да болсо жаныбар.

Өлүм орток тууганым,

Карарган Төштүк көзүнө, Кар чалыңкы көрүнөт. Караңгыда суу кечип, Көзүмдү кудай уруптур. Түнөргөндүн көзүнө, Түк эчтеме көрүнбөйт. Түндө жолду көп чалып, Мени кудай уруптур.

 

About the author

Жазуучулар Союзу