Дасмия Поэзия

Кыргыз Эл акыны Светлана Суслованын ырлары. Орус тилинен которгон – Алтынай Темирова

Кыргыз Эл акыны Светлана Суслованын ырлары.

Орус тилинен которгон – Алтынай Темирова

***

 

Ырлар кантип жазылат, айтып берчи.

От боюна жакындайм, чечип тонум.

Жарык чачып дуулдаган оттун чети,

Көпөлөктөй үйөт жалын учкунун,

Айландырып түркүн-түстүү балыкка,

Жалбыракка, гүлдөргө, кызыл кушка.

Каалайм айтып берүүңдү кайра мага –

Мурдагыдай – мен сүйгөн нерсени анда:

Кыялымда бир башка болом жаркып,

Көз ирмемге; жалынмын кирген чарпып

Караңгыны. Рухумун адамдардын

Ыр сабында тирелген, турган калкып.

Айт: сөздөргө кандайча жан киргизет

Аваздар, аяттарда – айткан тилек.

Ойноок башым менин да эмнелерге

Төрөлгөндөн бер жака толуп келет;

Айтып берчи. Мен күтүп турам угуп.

Билемин үн катпоону эске тутуп.

Балким айтпайм, эч качан өзүңө да,

Өзүң белек экениң – ырларымда.

 

 

***

 

Эх, Азия, көчмөнүм!

Жарынан да тулпарын кымбат көргөн.

Мен чоочунмун, бөтөнмүн.

Жар болуучу жан да бөлөк,

Неге тарта ат тизгинин,

Уулуң тике карады жанды көзөп?

Арт жагымдан күз торойт  –

Чөпкө колду ороп болбойт.

Неге Азия, байкабадың,

Бөтөн сөздү укпай калдың.

Эр жигитиң орусча аста

Эң бир назик шыбыраса?

Үндөбөдүң. Аскалар тунжурады.

Булут  түнөп  чокуларга.

Жээрде ат, тикчийген кулактары,

Ойлоду, керекмин деп – өзүн гана.

 

 

***

 

Неге мени карайсың кооптоно,

Жым-жырттыкка күнөөлүүдөй өзүбүз,

Кимдир-бирөө бактыбызды ичип-тоё

Үстөк акы ыргыткансып столго түз?

Айтчы, эмнелер экөөбүзгө жалганы?

Колдорумдун жылуулугу аздыбы?

Көздөрүмдүн нуру салкын тарттыбы?

Саргыч чачым төгүлбөй чаташтыбы?

Түндүктөгү сабыркаткан өлкөнүн,

Каалап турсаң – унутамын өлөңүн,

Бирге чогуу чочулайлы биз бүгүн,

Иконадай көгүш үнсүздүктө күн.

Аттарыбыз болот  нагыз –тулпардай,

Боз үй ичи аңкып кымыз жытындай,

Дал ошондо калат чыгар муңайбай,

Мөлтүрөгөн кара көздөрүң абай.

Сүйөм дале күлкүлүү каштарыңды…

Түшкө кирет, качанкы мезгил чогу,

Башка эле бирөө менен атты учура,

Чиркөөгө баратканым баш кошкону.

 

 

***

 

Жылдыздар да, куштар алдайт түн бою,

Кусалыкка жан-дүйнөң жанчылганда:

Кайгы жок! Жок, эч, кайгы махабатта!

Ай да чыкты, жай чайпала шамалга.

Терезеден жасмин бутагын үздүм,

Караңгыда розадан да тикендүүм.

Жини келет түшүндө сүйгөн жарым,

Нымдуу чеке, чийиндүү – суроо белгим.

Кудай жалгап – уктаганың дурус дейм,

Укканча ушу куштардын жалган кебин…

Гүл жытына балкып сезимдерибиз,

Гүлдөйт таттуу илебинде дүйнөбүз.

 

 

***

 

БАЛ ЧОГУЛТУУ МЕЗГИЛИ

 

Барпырап желекчеси желбиреген,

Аяр гана кучактап, сылай берген

Аарыга гүл, эч сырын билбегенден,

Өзүнчө бактылуу: “Не үчүн?” деп, –

Сурап койбой; ширесин чачып бере.

Ачуу, курч чаккан аары бетсиз неген,

Иши да болбостон аны менен,

Күттүргөн бир келгиндей учуп келген,

Айланат да, учуп  кетет, гүл да эс алат.

Айрылышуу жүрөктөрүн кысылтпайт –

Кетүү эместей – болгону булак болуу,

Томпоё, чоңоюп жемишке айлануу,

А гүлдүн жан-дүйнөсү,

Сактайт эске эң назик сезимди андан,

Эске түшсө тыз-тыз эте ичте калган.

 

 

***

 

Жар башында жашагандай элебиз,

Жакшысы – Париждин бир жериндебиз,

Тез татымда, там чатырдын астында,

Шарап ичип, жашоого ишенебиз,

Бирөөлөрдүн жан-дүйнөсүн козголто

Алча данектерин бүркөбүз озо…

Өтүнөөрүм, сүйлөбөчү, жата бер.

Тынч жашоону самаймын. Чындык ошо,

Сен экөөбүз жашабайбыз Парижде:

Жашайбыз арпалуу бир тектирде,

Дандары закымдаган аптап кезде,

Башыбызда ыргалып, кайым болгон,

Коргонуп кандайдыр бир жазалоодон,

Уламышта айтылган…  Жаңы өзү.

А мүмкүн, жар да – аския, акыр түбү,

Артыбызда  эч ким жок, жан-дүйнөңдү

Кооптуу коркунучка  салчу өңдүү.

Жандайбыз жар башында жашап турган.

 

 

***

 

         ЖОМОКТУН АЯГЫ

 

Бакыт аттуу мээримдүү жомогумдун

унутупмун чыгууну аягына.

Эрибеди ак муздан ак сарайы,

Махабат да үлгүрбөдү узаганга,

кум астына сиңген дайра сыңары,

ыраактады болчу нерсенин баары.

Шалы жоолугун апамдын жаптың да,

айттың мага акырын: “Уктап алчы…” –

Корголуу ак сарайда тынчымды алды,

ишене албай издеймин жооп дагы:

кантип ушу жашоону жомок сындуу

узартабыз улантып, баштап жаңы?

 

 

***

 

КАНАТТАР

 

Ийнелик – канаты назик, дилдирек,

Өңсүз-түссүз жаркыраган айнектей.

Учкандыгы көп нерсени билдирет, –

Түшүндө эмес, кыялда эмес, чындап-эй!

Узак эмес болсо да уччу өнөрү,

Шок көздөрү дайым жайдары!

Эже-сиңди болгум келет: үйрөтчү

Туңгуюкта бийлеп жүргөндү,

Суу үстүндө калкып бойду токтото,

Тик өйдөлөп – дароо безип сүнгөндү.

Бөпөлөбөйм мен да – кырсыкты,

Коркунучтуу  ушак-айыңды.

Назик, айнектей канаттарды,

Түшүмдө да кубанам эстей.

 

Канаттарым кайда катам күндүзү?

Кимден, неге катышым керек өзү?

 

 

***

 

мезгилдерди кысып-жүктөп – канга баарын топтойбуз

атап койбой болгондорду курулай

ньютондорбуз – жапан үңкүрдөгү биз

нейтрондордун бөлүкчөлөрү протонго бай

ай-ааламдын  эс-тутумубуз –

таанып-билүү кампасындай

сансыз дүйнөлөрдүн китепканасындай

анан да – текчеде турган ар бир китептей

унутулган чаң басып аябай

ыргытылганча текчеден төмөн карай –

карып соолуйбуз,

келемиштер, бир гана коркконубуз.

 

                                 Которгон – АЛТЫНАЙ ТЕМИРОВА

 

About the author

Жазуучулар Союзу