Экинчи бөлүм
Узакбай Абдукаимов
- Тагдырга кездешүү
Аз сандуу эл үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары айрыкча оор трагедиялык сыноо болду. Анда, негизинен, айылда жашашкан кыргыздардын ар биринин үйүндө эмне болуп жатканы алаканга салгандай көрүнүп турчу. Дал ушул өзгөчө кырдаал өзүңдүн жеке кайгыңа башканын кайгысы кошул-ташыл болуп, кыргыз айылынын жалпы абалы ого бетер зар-муңга чөгүп, мүңкүрөп тургандай сезилчү.
Текши жакырчылык, ачкачылык – бул жашоо турмуштун көнүмүшү, колхоз жыйган-тергенин өкмөткө өткөрүп берет, бул согуштун закону, бирок баарынан кыйыны, кайгылуусу, жума сайын десек болот, “бир үйдөн” сөзсүз түрдө ызы-чуу, өкүрүк чыгат. Мунун себепкери – “кара кагаз”.
Ушундай жазмыштын оор күндөрүн баштан өткөрүп жатса да, адам деген жакшылыктан үмүтүн үзбөй, көңүлүн чөгөрбөй, белгисиз бир нурлуу жарыкка карай тынымсыз умтулат окшобойбу. Үмүт жиби үзүлчүдөй ичкерип бараткан абалдагы “бечара адам” (Алыкул Осмонов) ошондо өзүнүн ички духун ойготуп, сезимин көтөрүп түпкүрдөн өзүнөн-өзү көтөрүлүп, алысты карай алып учкан кыялды кайдан табат.., Бул патетикалык фразаны мен азыр атайы жазып жатам. Подтексти согуштун ошол эстен кеткис күндөрүнө тиешелүү. Апам экөөбүз эптеп күн көрүп, күн өткөрүүнүн эле камын жеп жүргөн чакта, мага, китеп дүйнөсүнөн четте калган мага, ыр жазуу идеясы кайдан келди. … Жок бул патетика эмес. Реалдуулук, болгон иш.
Эмне көрсөм ошону ырга келтирүү аракети күндөлүк жашоонун өзүнчө бир кубанычына айланып баратты, а балким, бул жөн эле турмуш кыйынчылыгынан алаксуу болгондур. Алдын ала ачыгын айтып коеюн, акындык карьера жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, айылдык ырларды жарыялоо оюма да келген эмес. Жөн эле кызыгып жазчумун, папкеге сактап койчумун. Кийин Пединститутка өткөндө, айылда калган папкени апкелип, карап көрсөм, арасында өзүмө жаккандары бар экен, жарыялоо ою ошондо пайда болду. Ошол айылдык ырларымдын айрымдары бир аз редакцияланып “Ала Too” журналына (“Ар кай, ар кай тараптан, Кант заводго бараткан”), Кубанычбек Маликов, Ясыр Шиваза түзүшкөн “Жаш акындар” (Фрунзе, 1950) деген жыйнакка “Китеп” деген ыр жарыяланган.
Бул мезгилдин өзүнчө бир көрүнүшү болуш керек, эмне үчүндүр факультетке ошол 1946-жылы кирген студенттердин арасында талаштуулар, демилгелүүлөр бир кыйла экен. Жаңы атмосфера, жаңы чөйрө өз “ишин” иштеди окшойт, айтор, мен дагы кайрадан жаңы кызыгуу, кайрадан жаңы демилге менен ыр жазууну уланта баштадым. Сабакка даярданууга убакыт анча деле көп кетчү эмес, сабакты “бышыруу” системалуу жүрсө, аны өздөштүрүү ошончо жеңил экен, убакыттын көбү ыр жазууга кетчү.
Демилгелүү туруктуулук менен иштөөнүн натыйжасында көлөмү боюнча айылдык ырлардын өзүмө жаккан айрымдарын жана студенттик мезгилде жазылгандарды иргеп, топтоп көрсөм чакан бир жыйнакка окшоп калыптыр. 2-3-курста окуп жүргөндө “Жаштар секциясынын” жетекчиси Ясыр Шивазанын сунушу менен бир нече ырларым “Ала Too” журналында жарыяланып калган эле. Ушунун баары чогулуп келгенде менде кубануу ордуна өзүнчө бир скептицизм жаралды окшойт. Бул сырымды эч кимге айткан эмес элем, биринчи жолу кагазга түшүп жатат. Даяр болду деген “Жыйнагымды” кайра-кайра окуйм, айрым caптар, строфалар, кээде бир бүтүн ырлар өзүмө жагат, оригиналдуулугу байкалат, төл чыгармадай сезилет. Бирок кол жазмам бир бүтүн китеп катары көңүлүмө толбойт, канааттанбайм. Менин ырларым башка бирөөнүн поэзиясынын көлөкөсүндөй, алыскы көчүрмөсүндөй, же ошол поэзиянын “экинчилик” көрүнүшүндөй эле өңдөнүп туруп алат. Канчалык кайталап окубайын ушул эле ойго, ушул эле жыйынтыкка келип бир тием.
Сөз Алыкул Осмоновдун поэзиясы жөнүндө. Студент болуп жүргөндө эле кыргыз поэзиясындагы теңдешсиз лирик катарында Алыкулду эсептечүмүн. Бир курста бирге окуган, бир бөлмөдө бирге жаткан, оокатты да бирге ичкен эң жакын жолдошум Букара айлынан (анда Калинин району) Алыбек Жанболотов деген бар эле. Бул маселе боюнча экөөбүз өлөрчө талашчубуз. Ал албетте Токомбаевди биринчи койчу. Мен каршы чыкчу эмесмин, бирок айтчумун “Кандуу жылдар” талашсыз улуу чыгарма, ал эми лирикасын “сыга келгенде” кол уучунда жыйырмадайы эле калат (талаш 1948-жылы болуп жатат). Саал кийнчерээк бул талаш боюнча досум Жанболот мага кошулду. Муну эскерип жаткан себебим мен Алыкулдун поэзиясын жаш кезимден сүйүп (“Махабат”, 1945) анын катуу, майтарылгыс таасири алдында жүрчүмүн. Мына ошол эстетикалык фактор өзүм жазып жатканда, канчалык “өз алдымча” болоюн десем да, анын акындык интонациясы, ырдык ыргагы, образдык курулмалары көз алдыман кетпей ээрчип алчу. Конкреттүү чыгарманы “иштеп” атканда бул процесс анча байкалчу эмес. Ал эми бир бүтүн жыйнакты текши окуганда поэзиядагы “экинчилик” көрүнүш дароо ачыкка чыгат экен. Ошондуктан көпкө чейин эмне кыларымды билбей жүрдүм. Мага чыгармачыл “дилемманы” чечиш керек: Менин өзүмдө акындык касиет-сапат барбы, же чоң поэзиянын энергиясын пайдаланып, “өзүмчө” бирдемелерди жазып жүрөмбү… Маселени чечүү мага өтө маанилүү бочу. Мына ушундай туюкка келип капталганда акыры Алыкул Осмоновдун өзүнө барууну чечтим жана өз оюн ачык эле так кесе айтып берүүсүн өтүнмөк болдум. Адресин билем, Свердлов көчөсү, темир жолдун түбүндөгү үй болуш керек. Эртең менен студенттер сабакка кетишти, мен шылтоо айтып калып калдым. Даярдандым, жөө жөнөдүм, бардым. Жаз алды болчу. Кыламык кар жааптыр. Өзгөчө Алыкул Осмоновдун короосунун ичи-тышы апаппак. Бир из жок. Көпкө турдум. Дарбазасын да какканым жок. Уктап атат го деп ойлодум. Батына албадым, сүрдөдүм. Ошондо мен сүйгөн улуу акындын короосунун ичи-тышындагы из түшө элек аппак карды булгабай кете бердим. Ошонум чоң абийир болгон экен, кийин ойлосом.
Жогортодо скептицизм деген терминди колдондум. Даяр болгон кол жазманын оригиналдуулугуна, өз алдынчалыгына күмөндөр болуу, ишенбей бушайман болуу, бул жаш автордун жекече проблемасы. Адегенде эле ушундай проблеманы аң-сезимдүү түрдө кабыл алып, түшүнүүгө болгон аракеттин өзү – Тагдыр.
Адам турмушунда ар түркүн адамдар менен ар түркүн жагдайларда ар түркүн кездешүүлөр болот. Учурунда андай кездешүүлөргө кадыресе маани бербейсиң. Өтүп кете берчү иш катарында карайсың. Кийин мезгил өтүп, дагы далай “турмуштук казанда” кайнап, кээде жыгылып-кээде туруп дегендей, анан жетилип бышыккан учуруңда өткөндү кайрадан эске түшүрүп байкап көрсөң ошолордун арасынан күнү бүгүнкүдөй таасын элеси калган учурлар болот.
Менин жашоомдун кадиксиз өмүр сабактарынын үлгүсү, бул Узакбай Абдукаимов менен жолугушкан күндөрүм болду. Жок, мен ал кишинин жакын сырдашы болгом деп айталбайм. Андай болушка эч кандай негиз жок. Мен үчүн Узак агай отузунчу жылдарда калыптанган нукура кыргыз интеллигенциясынын үлгүсү. Анын адабий мартабасы улуттук маданиятты жаңы сапаттык деңгээлге көтөргөндөрдүн катарында турат. Ошондуктан мен ушул аралыкты таза сактап, сыйда-сыпаа мамиле жасоого умтулчумун.
Узак ага менен биринчи кездешүүм мен үчүн, эч кандай гиперболизациясыз айтканда, таптакыр күтүлбөгөн, ойго келбеген шартта болду. Өзүнүн ички мазмуну боюнча, бул сөзсүз тагдыр менен кездешүү эле. 1950-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабият факультетинин акыркы 4-курсунда окуп жаткам. Ушул факультетте окуган көп эле кыргыз жаштарындай мен деле ыр жазчумун. Бирок, чынын айтсам, аларды туурап же эрегишип эмес, жогортодо кыскача айтылгандай, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында эле айылда араба, соко айдап жүргөндө эле, айылдык советте секретарь болуп иштеп жүргөндө эле жазып жүрчүмүн.
Бирок ойлобоңуздар, тил жана адабият бөлүмүнө акын болуш үчүн кирген экен деп. Такыр андай эмес. Башка факультетке киришке тиешелүү даярдыгым жок болчу.
Ошентип, биринчиден айылдагы көнүмүшүмдү улантып, экинчиден кантсе да катарлаштардан калбайын деп, айтор, ыр жазууну туруктуу эле улантып жүргөм. Ыр жазуунун элементардык техникасын үйрөнүп алсаң кыргыз тилинде ыр жазуудан оңой эч нерсе жок. Ушундай туруктуу жана системалуу эмгектин натыйжасында айрым ырларымдын топтому “Ала Too” журналынын беттерине, К.Маликов, Я.Шиваза түзүшкөн жаш акындардын жыйнагына да жарыяланып кеткен эле. Ушунун баары кабар, информация. Мындан ары өнүгө турган окуя кандайдыр бир ички конструкциясы бар системалуу сюжет. Анын тиешелүү нерсонаждары бар. Мына ошолордун ичинде эң маанилүү эпизоддук функция аткарган 3-4 жылдан бери окутуп жүргөн Илий Сарманова эжей экен. Бир күнү, май айынын аяк чени болчу, Илий эже аудиторияга кирип келип, каадасынча күлүмсүрөп сабак баштоонун ордуна, түз эле мага кайрылды да, “Кеңешбек, сени Узак күтүп отурат, барып кел” деди. Адегенде, чын эле сөз ким жөнүндө, эмне жөнүндө баратканын түшүнгөнүм жок. Узак ким, ал эмнеге күтүп жатат, кайда күтүп жатат… Анткени Илий эже өзүнө гана белгилүү кабарды эмоцияга айландырып жатат. Ошондуктан мен эмоцияны гана кабыл алам, кандайдыр бир сүйүнүчтүү иш экенин божомолдойм. Маанисин, маңызын түшүнбөйм. Качан гана “Узакбай Абдукаимов деген жазуучу, котормочу” деп Илий эже түшүндүрө баштаганда бирдемелерди боолголоп, баамдай баштадым. Көз алдыма дароо эле Пушкин менен Гогольдун, Чехов менен Горькийдин чыгармаларын которгон адамдын элеси келе түштү. Бирок, баарынан мурда Алыкул Осмоновдун поэзиясынын түп негизин түзгөн “Махабат” (1945), “Жаңы ырлар” (1947), “Менин жерим – ырдын жери” (1947), “Жаңы ырлар” (1949) деген ыр китептеринин туруктуу редактору болгонун эң жакшы билем.
Көрсө, биздин адабият мугалимибиз Илий эже Узак аганын ошол кездеги жолдошу экен (кийинчерээк эже каза болуп калды). Эже берген адрес боюнча ошондогу Аялдар Пединститутунун Дзержинский бульвары (азыркы “Эркиндик”) тарабындагы имаратка келдим. Биринчи этажда бир бөлмөлүү квартирада турат экен. Дзержинский бульварындагы бул имарат ал учурда студенткалардын жатаканасы болуш керек эле. Кире бериштеги бир бөлмө деген сөз, бул бардык жагынан ьңгайсыздык деген сөз. Мунусу бир жөн. Киргенде эле квартиранын полун байкап калдым, асфальтталган экен. Демек, бул аянт вестибюльдун бөлмөгө ылайыкталган бир бурчу. Пушкин менен Гогольду кыргызча сүйлөткөн Узакбай Абдукаимов ушундай шартта жашап, чыгармачылык менен аракеттенет. Чоң үйгө, бийликке жагынууну өзүнүн жашоо тартибинен жана эрежесинен алып таштаган Узак ага сыпаа, басмырт жашоону туура көргөн. Жутунган бирөө болсо, башкача болмок. Бул менин кийинки оюм.
Кирип барганда эле мурда газета, журналдардан сүрөттөрүн көрүп жүргөндүктөн дароо эле тааныдым. Бөлмөдө анын үстүнө жалгыз эле өзү экен. Ортодо стол, столдун үстү толтура китеп, журнал, эмне үчүндүр үйүлүп коюлган папкелер. Көрсөткөн орундукка отуруп (өзү деле бош турган бир орундук бар экен), эмне дээр экен деп чыдамсыздык менен күтүп калдым. Билбейм да эмнеге келгенимди, билбейм да Узак ага мени эмнеге чакырды, же мурда тааныш болбосок. Пауза-тыным узакка, айрыкча мен үчүн аябай узакка, созулуп кеткендей болду. “Чунак киши” мелтиребей бирдеме десе болбойбу, – дейм ичимен, пединституттан бери жөө чуркап келгенимди байкабайбы (анда троллейбус эмес, автобус да жүрө элек болчу)… Эч болбосо азыр кандай чыдамсыздык абалда күтүп отурганымды сезбейби… Эпикалык жайбаракаттык деген ушубу. Бул салыштырууну азыр айтып жатам, анда эс-акылымда да жок болчу. Көрсө, ушунчалык сабырлуу, токтоо (ойчулдукка жараша) адам экенин кийин билдим.
Айтор, бир топтон кийин, жанагы үйүлгөн папкелердин арасынан бирөөнү сууруп чыкты да, өзүнчө бөлүп койду. Жүрөгүм шуу дей түштү. Кол жазмамды дароо эле тааныдым. Бирок, ал Узак аганын колуна кантип тийип калды, түшүнгөнүм жок. Кол жазманы мен Ясыр Шивазага берген болчумун (ал жаштар боюнча жетекчи- консультант эле). Көрсө мындай болуптур: Жазуучулар Союзунун башкармасы он чакты жаш авторлорду топтоп, ар бирин карап, анализдеп, корутундулап чыгууну Узакбай Абдукаимовго тапшырган экен. Жанагы үйүлгөн папкелер ошолор сыяктуу. Узак ага ошолордун арасынан көңүлүнө жаккан, албетте жаш адабияттын талабына жооп берген 2-3 кол жазманы тандап алып, жарыкка чыгарууга редакциялап, даярдамак болуптур. Ушунун баарын Узак ага жай, шашпай айтып берди да, ошолордун арасынан эки жаш автордун ишин тандап алганын, анын бирөө “Меники”, экинчиси Оштук Сооронбай Жусуев деген жаш акындыкы экенин айтты. Сооронбайды анда көрө элек болчумун; Бирок ырларын суктанып окуп, анын акындыгынан шек саноочу эмесмин. Мына ошондуктан эки кырдаалдын бир келишине аябай таң калдым жана кандайдыр бир менде мурда дегеле болуп көрбөгөн жан дүйнөмдүн сүйүнүчтүү толкуну пайда болду. Ооба, биринчиси жаш акын катары белгилүү болуп калган Сооронбай Жусуев менен бир катар коюп, тандалып алынганы болсо, экинчиси жана эң башкысы, мындайча айтсам, мен үчүн таптакыр белгисиздиги, күтүүсүздүгү – улуу Алыкул Осмоновдун туруктуу редактору Узакбай Абдукаимов өзү жактырып, ошончо кол жазманын ичинен бөлүп алып, тандап алып жатканы болду. Маселен, “Ала-Тоо” журналына, же жаш акындардын жыйнагына жарыялануу жаңыдан жаза баштаган жаш автор үчүн чоң эле сүйүнүч, бул талашсыз. Ал эми Узакбай Абдукаимов өзү жактырып, өзү китеп кылууга сунуштап жатса, бул өзү ойго келбеген, фантастика менен чектешкен окуянын катарында турат.
Чынын айтсам, ошол учурда кандай адамдын алдында, кандай сыноодо турганымды сезгеним да жок, аны баалаганга дараметим да жетпейт эле. Тек гана сүйүнүчтүн толкуну бүт дүйнөмдү ээлеп алгандай, кантип көчөгө чыкканымды, кантип жатаканага жеткенимди билбейм. Башкасын айталбайм, бул жолу Дзержин бульварындагы өтө эле жупуну бир бөлмөлүү үйүндө Узак ага менин адабий тагдырымдын тушоосун кесип, акындык тагдырымды колума карматкандай болду. Албетте, Узак ага менин кол жазмама жаш автордун адабий дебюту катарында карап, ошол критерийден мамиле жасаганы түшүнүктүү. Ошондой болсо да ошончо кол жазмалардын ичинен “меникин”, белгилүү болуп калган Сооронбай менен бир катар коюп, бөлүп алышынын өзүндө эле төбөм көккө жеткендей эле болгон.
Бирок төбөм көккө жеткен менин сүйүнүчүм узакка созулган жок. Анын өмүрү өтө кыска болду. Илий эже дагы бир күнү: “Узак агайың чакырып жатат, барып кел” деди. Оюмда “жаман” эчтеке жок, кол жазманын редакциясы жөнүндө сөз болот го деп жүрүп отурдум. Тез эле жеттим. Кирип келсем, Узак ага каадасынча эле жалгыз отуруптур. Столдун үстүндө баягы папкалар жок. Мага ошондой сезилдиби, айтор, Узак аганын кабагы салыңкы, чарчаңкы, Баягыдан ого бетер сөз чыкпайт.
Бир топтон кийин, “атам ким”, “энем ким”, “канча бир тууганмын” – таржымалымды сурай баштады. Эч нерсесин жашырганым жок, билгенимди-билгенимдей, болгонун-болгондой айтып бердим. Жашыра турган эч нерсем жок болчу. Айтор колумдан келишинче толук жана ишенимдүү жооп беришке тырыштым. Адегенде мунун баары Жазуучулар Союзуна керек го деп ойлодум, бирок Узак аганын кабагы ачылбай суроолору тереңдей баштаган сайын ушул жерде бир “мандем” жатканын сездим. Болбосо, бул кишиге менин ата-тегимдин кандай тиешеси бар эле. Баарынан табышмактуусу, суроо берди да, башын ийкегилеп отуруп менин жообумду укту да, унчукпай тим болду илим тили менен айтканда, эч кандай мааниде комментарийлеген жок. Бирок кайдыгер өңдөнгөн реплика таштап койду: “Бондарев көтөрүлүшү” туурасында бирдеме уккансыңбы? “Жок” деп эле бир ооз сөз менен жооп бердим. Чыны ошондой болчу, Нарында болгон бул тарыхый окуя жөнүндө мен кийин, бул жөнүндө кандидаттык диссертация жазган Б.Жамгырчиновдун өзүнөн билдим. Бирок, дал ушул, буга чейин, мен эч качан укпаган, билбеген “Бондарев көтөрүлүшү” деген түшүнүк менин тагдырымдын сюжетинде негизги “кыймылдаткыч күч” экени капарыма да келген эмес.
Тыным пауза дагы узакка созулду. Акырында Узак ага мени атыман айтты да, мындай деди: “Сенин китебиңе Жазуучулар Союзунун башкармасы Касымалы Баялинов баш болуп, каршы чыгып жатат, китебиң чыкпай калат окшойт” Узак аганын баятан бери кыйналып-кысталып, “тыякты-быякты” сурап, акыры айтайын деген жыйынтык сөзү ушул экен. Бирок ал кишинин кыйналып- кысталганынын ар жагында кандайдыр бир оор чындыкты айталбай жатканы сезилип турду. Ал мени аяды, аяганда да бүткүл ички сезими менен аяп турду. Бирок эмне үчүн аяп жатканын, алого кандай мүшкүл кырдаал бар экенин түшүнгөнүм жок, түшүнө да алмак эмесмин. Менин ырлар жыйнагымдын чыгышына өзү эч каршы эмес экенин, бирок колунан азыр эчтеке келбесин араң-зорго билдирди. Бир аздан кийин коштошуп, кол жазмамды алдым да, араңдан-зорго чыгып кеттим. “Эмне үчүн”, “Кимге жакпайт” деп суроону конкреттештирип чиелентүүгө, ансыз да маселени татаалдантууга батынганым жок. Бул жолу мен Узак аганы аядым.
Жолдо келатып, өзүмчө тез эле жыйынтыкка келдим: бул жерде эч кимдин карасанатайлыгы жок, кептин баары өзүмдүн “акындык” дараметимде. Маселенин маңызы мында, айылда араба, соко айдап жүргөндөн баштап канчалык ыр жазып жүрсөм да, кийин аздыр- көптүр жарыяланып кеп-сөзгө илинип калсам да, мен өзүмдүн ушул ишимдин келечегине шектенүү менен, күмөн менен ишенбей карайм. Ушута байланыштуу дагы бир ойду кайталайм. Жазарын жазып алып, көп учурларда Алыкулдун күүсү менен кетип калганымды сезип калчумун. “Махабат” (1945) жыйнагын окугандан баштап, мен үчүн андан ашкан, андан тунук акын жок болчу. “Жаңы ырлар” (1947), “Менин жерим – ырдын жери” (1947), “Жаңы ырлар” (1949) жыйнактары менин ушул көз карашымды, позициямды ого бетер бекемдетти. Мен алардын көпчүлүгүн жатка билчүмүн. Ошондуктан ыр жаза баштаганда эле Алыкулдун ыр саптары, образдык түзүлүштөрү “сагаалап”, “тегеректеп” айланаман кетчү эмес. Мен алардан канчалык кутулуп чыгайын десем да, кутула алчу эмесмин.
Мына азыр кол жазманы көтөрүп алып Пединституттун жатаканасына калатканымда эчактан бери ээрчип жүргөн ушул эски ойлор ого бетер күчөп, эс-акылыман чыкпай койду. Китеп чыгарса эле акын болуп кетет деген ой, бул жөн эле жел кыял экенине, анчейин иллюзия экенине, акын болуш үчүн “акын болуп жаралыш” керек экенине көзүм эми накта жетип турду. Мына ушул жагдайда өзүмчө Узак аганы башкача аяп келе жаттым: Алыкулдун поэзиясын “элегинен” өткөргөн көп тажрыйбалуу редактор ушу жөнөкөй чындыкка көзү жетип турса да, менин көңүлүмдү оорутпайын деп күнөөнү башкаларга шылтоолоду окшойт. Бирок мен ошондо Узак аганын жүрөгүн мыкчып, артыкбаш бир ооз сөз сүйлөтпөй, “бурчка” такаган башка бир зордуктуу чындык бар экенин мен таптакыр сезбептирмин, капарыма да келбептир. Көрсө, менин кичинекей ыр китепчемдин тагдырына Кыргызстан Жазуучулар Союзунун башкармасынын төрагасы Касымалы Баялинов түздөн-түз кийлигишиптир. Кандайдыр бир студенттин биринчи жыйнагынын тагдырына төраганын өзү киришип, токтотуп койгону, бул дегеле катардагы иш эмес. Бул жерде башка сюжеттик окуя болгон. Мага оңтойсуз, ушул сюжеттик окуяныи бүтүндөй чиелеништерине токтолуп отуруу. Тек гана эсиңиздерге caлa кетейин, 1953-жылы Ленинградда кандидаттык диссертацияны коргоо алдындагы жана 1950-жылы Фрунзеде биринчи жыйнагым даярдалып жаткан учурдагы менин үстүмөн жазылган “кара каттардын” мазмунунун толук бирдейлиги бул дегеле кокусунан эмес, Сюжетти татаалдантып отуруунун эч кандай зарылдыгы жок. Эки “каттын” тең автору бир эле киши, биз менен курсташ студент болгон, кийин биз менен чогуу аспирантурага барган. А.Алтымышбаевдин, П.И.Балтиндин, Ж.Самагановдун колдоого алып жүргөн кишиси. Аты-жөнүн айтпай эле коеюн, көңүл чаппайт. “Үч тамга” уюму жоюлганда өзү келип, кечирим сураган. Дал ошол кичинекей жыйнактын тагдыры “үч тамгадан”, Жазуучулар Союзунун башкармасынан чечилип жатканда Узак аганын ички дүйнөсүндө бугуп жаткан не бир түйшүктүү окуяларды сезбептирмин, айлана-чөйрөдө кандай бүлүк түшкөн замандын башталганын билбептирмин. Мен ал кишини ошол учурдагы өзүмдүн гана бийиктигимен, өзүмдүн ошол кездеги тар, бир беткей түшүнүгүмдөн карап көрүп, ошол өлчөмдөн гана бүтүм чыгарган экенмин. Эгер менин адабий жолумдагы эң биринчи кездешкен адам Узакбай Абдукаимов сыяктуу интеллект, кылдат сезимдүү, ар тарабын максаттуу ойлогон сабырдуу адам жолукпай, кандайдыр бир чалагайым, адабий мансапкор бирөө болуп калган болсо, билбейм менин ошондогу драмалуу кырдаалдагы адабий, ал турмак адамдык тагдырым кандай чечилет эле…
Кай жагынан алсак да 50-жылдардын башталышы кыргыз интеллигенциясынын турмушунда, айрыкча кыргыз филологдорунун турмушунда өтө кырсыктуу оор учур. Ушул жагдайда тоталитардык режимдин апогейи жөнүндө, ВКП (б) БКнын көркөм чыгармачылыктагы идеологиялык маселелер боюнча токтомдору жөнүндө айтууга болот. Бирок, кантсе да республикада улуттук өзгөчөлүккө байланыштуу келип чыккан трагедиялуу жагдайлар, бул өзүнчө көрүнүш. Мисалдарга кайрылып көрөлү.
Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бүтүрүүчү курстун бир тобу чогулуп Агартуу Министерствосуна адабият сабагы боюнча жеткиликтүү билим алалбай жатканыбыз жөнүндө арыз жаздык эле. Агартуу министри биздин талабыбыздын жөнү бар экенин эске алган окшойт. 1950-жылдын жаз айларында Ташым Байжиев, Тазабек Саманчин (биз атын эле укчубуз) сыяктуу өтө билимдүү, өтө маданияттуу инсандар келип, бизге фольклор боюнча, акындар поэзиясы боюнча лекция окуй башташты. Биз ошондон баштап көз ачып, адабият дүйнөсү кандай дүйнө экенин баамдап тааный баштадык окшойт. Бирок, биздин “көз ачуу доорубуз” узакка созулган жок. Бир күнү Т.Саманчин биздин аудиторияда Молдо Кылыч туурасында мурда баштаган сабагын улантып жаткан. Бир убакта эшик ачылды да, кайра жабылды. Тазабек Саманчиндин эмне үчүндүр өңү бузулуп, кубара түштү. Шыдыр жүрүп, эргиген сабак кандайдыр бир нерсеге урунгансып, мүдүрүлүп, андан ары бошоңдогондон бошоңдоп өзүнүн мурдагы деңгээлине жетпей койду. Коңгуроо болуп, Т.Саманчин кагаздарын жыйнап, папкесин көтөрүп сыртка чыкты. Коридордо эки киши күтүп турган экен. Саманчиндин эки жагынан чыгып, сыртты карай алып кетишти. Подьездде “эмка” машина күтүп туруптур, ошого түшүштү да, борборду көздөй кетишти. Ошол бойдон Т.Саманчин бизге сабак окуганы келбеди. Ошондой эле Т.Байжиев да көрүнбөй калды. Ошентип, биз көзүбүздү чала-була ачкан бойдон калдык. Т.Саманчиндин, Т.Байжиевдин, З.Бектеновдун тагдырын күн өтпөй, жума өтпөй эле уктук. “Буржуазиячыл-улутчул” күнөө коюлуп, камакка алыныптыр.
Азыркы окуучуга ал мезгилди туура түшүнүш үчүн ушул кайгылуу окуядан саал мурдараак болгон адабий-турмуштук кырдаалды эске сала кетсек туура болот. “Ала-Тоо” журналынын 1948-жылы №5 санына (анда “Советтик Кыргызстан” деп аталчу) Жээнбай Самагановдун “Тар жол, тайкы багыт” деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Көп узаган жок, “Ала-Тоо” журналынын ошол эле жылкы №9 санында Тазабек Саманчиндин “Адилетсиз, апыртмалуу сынга каршы” деген макаласы жарыкка келди. Булар полемикалык курч макалалар, Биз үчүн, ошол кездеги студенттер үчүн эң кызыгы ушундай дискуссия, полемика дагы кызыса экен дейбиз. А бирок ушул адабий полемиканын ар жагында капсалаңдуу, ал турмак коркунучтуу “иштер” жатканын биз кайдан билели. Чынында эле адабий талаш-тартыш кызый-кызый өзүнүн кыл чекитине жетти окшойт, бирок такыр башка максатка, такыр башка багытка ooп кетти. Маселен, макаланын аттарынан эле анын негизине коюлган мазмун, саясий ориентация апачык көрүнүп турат: “Т.Саманчиндин эмгектериндеги буржуазиялык-улутчулдук жана космополитизмдин рецидивалары” (“Советская Киргизия”, 1949, 10-апрель, “Советтик Кыргызстан”, 1949, 10-апрель), авторлору Ж.Самаганов, Г.Нуров, П.Балтии. “Окумуштуу диссертациянын авторунун улутчулдук көнүгүүлөрү” (“Советская Киргизия”, 1950, 10-апрель), авторлору Д.Бердибеков, Ж.Самаганов, Г.Нуров, П.Балтин.
Жогоруда келтирилген фактылардан жыйынтык чыгарып көрөлү: 50-жылдардын башталышында Тазабек Саманчин, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов оор саясий айыптоолордун негизинде камакка алынды. Бул эмне деген сөз? Жок, бул жөн эле үч адамдын жеке тагдырына “балта чабылды” деген сөз эмес. (Албетте, адамдын жеке тагдыры баарынан кымбат). Ошондой болсо да мунун, болуп жаткан трагедиялуу окуянын, мааниси өтө тереңде. Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов дегендер ким эле? Булар отузунчу жылдарда филолог-адабиятчы, филолог-фольклорист катарында калыптана баштап, 40-жылдарда Москвадан, Ленинграддан эвакуацияланып келген окумуштуулар менен бирге көмөктөш-өнөктөш болуп, өздөрүнүн профессиясын чыңап алгандардын эң ири алдында турат. Ал эми 50-жылдардын башында Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов жаңыдан калыптанып, өркүндөй баштаган кыргыз филология илиминин уюткусун түзгөн жана аны туура илимий-методологиялык негизде өнүктүрө ала турган эң көрүнүктүү ишмерлери болчу. Демек, бул үч адамдын жеке тагдырына балта чабуу – бул кадимкидей калыптанып, өнүгө баштаган кыргыздын улуттук филология илиминин тамырына балта чабуу деген сөз. Чынында да филология илиминин тамырына балта чабылды.
Ал эми Т.Самаганов, П.Балтин, Г.Нуров, Д.Бердибековдордун сын макалалары жөнүндө эмне айтуу керек. Албетте, булар жанры боюнча эч кандай сын макалаларга жатпайт. Бул, эң оболу, саясий- юридикалык вердикт. Эч кандай далили жок эле “буржуазиячыл- улутчул”, “космополит” деген сыяктуу ошол мезгилдин эң коркунучтуу саясий айыптоолор менен өкүм чыгарышка буларга ким укук берди. Байкап көрсөк, бир эле материал эки тилде катар бир күндө жарыяланат. Авторлор мындай күчтү кайдан алышкан? Мунун баарына шарт, кырдаал түзүп берген ким, албетте, бийлик. 50-жылдардын мына ушундай деспоттук саясий кырдаалында менин “кичинекей” кол жазмама, чынында кол жазмага эмес, жеке керт башыма да эмес, улуу согушта курман болгон атама, Асаналы Тердикбай уулуна, илгерки “иштери” үчүн оор саясий айып коюлуп, ал аркылуу мага “бут тосуу”, зыян келтирүү аракети, бул карасанатайлардын жалаа-ушагы экенин Узак ага даана көргөн турбайбы да, алардан алаксытуу үчүн аркы-беркини айтып, мени жоошуткан турбайбы. Узак ага 50-жылдардын бащында Кыргызстанда түзүлгөн саясий кырдаал өтө коркунучтуу экенин сезип, жаш автордун келечегине зыян келтирбес үчүн кол жазманы коргоонун ордуна, аны “курмандыкка” чалган турбайбы. Мен муну кийин “Майдан” романынын майданында түшүндүм.
“Адабий айкаш” китебинен