«МЕКЕНДИ СҮЙҮҮ – ЫЙМАНДАН»
аттуу жыл сайын өткөрүлүүчү мекенчил ырларды көркөм окуу сынагынын
ЖОБОСУ
- Жалпы маселелер
⟡-Сынак «Мухаммед Умар» жана «Китепкөй эл» коомдук бирикмелеринин демилгеси менен, ошондой эле «Бактынур» продюсердик борбору, «Мундуз-турист» агентствосу, «Silk Way» мейманканасы жана «КИТЕП.kg» дүкөнүнүн уюштуруусу аркылуу өткөрүлөт.
⟡-Сынакты уюштуруу, өткөрүү, ошондой эле катышуучуларды баалоонун критерийлерин тактоо, сыйлыктарды даярдоо жана катышуучуларды сыйлоо тартибин аныктоо менен байланышкан бардык маселелер уюштуруу комитети аркылуу ишке ашырылат.
⟡-Уюштуруу комитети сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө жарыяларды жарыялоого, маалыматты калктын кеӊири катмарына жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, сайттар аркылуу таратууга тийиш.
⟡-Сынакка сунушталган көркөм окуу боюнча мекенчил сезимдеги ырлар атайын китеп болуп чыгарылат жана сынакка даяр колдонмо катары пайдаланылат.
⟡-Сынактын толук жобосу менен таанышпай туруп сынакка катышууга болбойт!
- Сынактын максаты:
- Мекенчилдик сезимди жарандар жана жаштар арасында жайылтуу;
- Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо;
- Жаш муундарды достукка, биримдикке, мекенчилдикке жана улуттар аралык ынтымакка тарбиялоо;
- Окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу;
- Катышуучулардын изденүүсүнө, билимине, көркөм окуусуна, чыгармачылыгынын өркүндөшүнө шарт түзүү.
- СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ ЖАНА ТАРТИБИ
- Кыргыз Республикасында жана сыртында жашаган бардык каалоочулар катыша алат! (Жашына, кесибине ж.б. чектөө жок)
- Катышуучу сынак үчүн даярдаган эмгегин (көркөм окуусун) социалдык тармактардагы аккаунтуна, баракчасына тийиштүү маалыматтарды камтуу менен милдеттүү түрдө жайгаштырат.
- Аудиослайд, видео материалдар монтаждалган жана монтаждалбаган абалына карабай конкурска катышууга укук берилет.
- Сынактагы көркөм окуу материалдары ыр түрүндө гана болууга тийиш.
- Көркөм окууга ырды катышуучу өзү тандайт жана бир нече катышуучу бир ырды тандап алуу жагын өзгөрткүсү келсе, уюштуруу тобунан маалымат алууга укуктуу.
- Сынакта мектеп окуучуларынын көркөм окуулары өзүнчө, мектеп окуучулардан сырткаркы бардык катышуучулардын көркөм окуулары өзүнчө бааланат жана 2 башка сыйлык берилет.
- Сынакка сунушталган ыр 1 куплеттен 7 куплетке чейин гана болууга тийиш!
- Материалдар аудиослайд же видео абалында 3 мүнөттөн ашпашы зарыл.
- Катышуучулардын адилеттүүлүгү жана жогорку маданияттуу атаандаштыгы менен өтүшү үчүн ар бир катышуучу сынактын жарыясын, ошондой эле өзүнүн көркөм окуусун соцтармактардан бөлүшүүсү милдеттүү.
- Сынакка сунушталган ырдын аталышы, автору жана уюштуруучу мекеменин аталышы көркөм окуунун алдында айтылышы шарт!
Үлгү:
- Автордун аты-жөнү.
- Көркөм окулуучу ырдын аталышы.
- Уюштуруучу-демилгечи мекемелердин аталыштары.
- Көркөм окуган катышуучунун өзүнүн аты-жөнү.
- Катышуучу жашаган райондун/шаардын аталышы.
(Мисалы: Эшматов Ташмат «Мекен улуу». «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси жана «Китеп.kg» дүкөнү уюштурган көркөм окуу сынагы үчүн, Асанов Үсөн. Токтогул району)
Катышуучу эмгегин соцтармактардагы өзүнүн жеке аккаунт-баракчаларына пост катары жайгаштырарда #көркөм_окуу_сынак хештегин кошуп, «Көркөм окуу cынак» баракчасын белгилөөсү зарыл. (фейсбукта @Көркөм окуу сынак же инстаграмда @korkom_okuu_synak деп). Андан соң ал постунун шилтемесин (ссылкасын) 0 507 12 99 99 вотсап номерине жиберүү аркылуу катталат.
Катышуучу катары катталуу менен көркөм окуу материалын уюштуруучулар тарабынан жайылтылышына, жаңы жактарга жайгаштырылышына ж.б. жагдайларга укук берген болот.
- Уюштуруу тобу тиешелүү соцтармактарга катышуучулардан сырткары кошумча жайгаштырат жана көркөм окууга келип түшкөн пикирлердин санын калыстар тобу тарабынан эске алынышын камсыздайт.
- Көркөм окуу соцтармактардан өчүрүлбөй дайыма сакталып турушу керек. Өчүрүлүп калса, калыстар көрө албай калат.
- Өткөрүү тартиби
- Сынактын жүрүшү жалпысынан 3 бөлүктөн турат:
1). Көркөм окуу материалдары катышуучулардын өздөрү тарабынан социалдык тармактарга жайгаштырылуусу;
2). Калыстардын 1-этабын карап жыйынтыктоосу;
3). Чоӊ масштабда театрлаштырылган салтанатта жыйынтыгын жарыялоо жана жеӊүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу.
- Сынакка материалдарды кабыл алуу 12-декабрдан башталып, 2-мартта аяктайт.
- Сыйлык тапшыруу салтанаттуу жыйыны 2022-жылдын 12-мартында Ош шаарында болуп өтөт.
- Сынактын жүрүшү жана баалоо ыкмасы
- Келип түшкөн көркөм окуу материалдары уюштуруучулардын көмөгү менен калыстар тобу тарабынан жыйынтыктоо күнүнө чейин утуру иргелип турат;
- Катышуучулар ватсап жана телеграм тайпаларга кошулуп, аларга алдын ала тиешелүү маалыматтар берилип турат;
- Экинчи этапка өтпөй калган көркөм окуулар да социалдык тармактардан алынып ташталбайт;
- Бир катышуучу акыркы баскычка чейин бир нече көркөм окуу материалын интернетке жүктөп, катышууга укуктуу.
- Калыстар катышуучулардын көркөм окууларын катышуу аймагына жараша орун берүүгө укуктуу.
- Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземи чоӊ салтанат менен белгиленет жана алдыӊкы көркөм окуулар сахнада угузулат.
- Калыстар тобун түзүү жана алардын иштөө тартиби
- Калыстар тобунун курамын уюштуруу тобу аныктайт;
- Калыстар 10 упайлык система менен баалап, жыйынтыкты сыйлоо аземине чейин чыгарат;
- Эң алдыңкы орундарды сахнада баалоого коюу да убакыт мүмкүнчүлүгүнө жараша калыстар тобунун ыктыярына берилет.
- Калыстар уюштуруу тобунун төрагасы менен макулдашуу аркылуу жагдайга жараша сыйлыктардын суммасын өзгөртүүгө жана орундарды, көркөм окуу убакыттарын кошумчалоого ж.б. зарылдыктан келип чыккан иштерди чечүүгө укуктуу.
- Калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы жана чечими талкууланбайт.
- Баалоо критерийлерин уюштуруу тобу иштеп чыгып, калыстар тобуна берет.
- Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жана жыйынтыктоо
Сыйлыктар мектеп окуучуларынан сырткаркы бардык катышуучулар үчүн:
1-орунга 50 000 сом акча жана 1-даражадагы диплом;
2-орунга 30 000 сом акча жана 2-даражадагы диплом;
3-орунга 20 000 сом акча жана 3-даражадагы диплом;
4-10-орунга атайын китеп белектер жана Ардак грамоталар.
Мындан сырткары 10 орунга кызыктыруучу китеп белектер жана Грамоталар берилет.
Мектеп окуучулары үчүн сыйлыктар:
1-орунга НОУТБУК жана 1-даражадагы диплом;
2-орунга СМАРТФОН жана 2-даражадагы диплом;
3-орунга СМАРТФОН жана 3-даражадагы диплом;
Мындан сырткары 100 орунга кызыктыруучу китеп белектер жана Грамоталар берилет.
Бардык белектер салтанаттуу жыйында тапшырылат.
Туристтик ЖОЛДОМОлор уюштуруу жана калыстар тобуна карата иштин жүрүшүндө аныкталат.
| Аудиовидео материалдарды соцтармактарга жайгаштыруу жана бардык суроо-сунуштар боюнча төмөнкү ыкмалар менен байланышууга болот: | ||
| 1. | «Көркөм окуу Сынак» деген баракча | Фейсбукта |
| 2. | «korkom_okuu_synak» деген аккаунт | Инстаграмда |
| 3. | КИТЕП kg | Ютуб каналы |
| 4. | Мухаммед Умар коомдук бирикмеси | Фейсбукта |
| 5. | Мухаммед Умар | Ютуб каналы |
| 6. | 0 507 12 99 99 | Ватсап жана чалуулар үчүн |
С.Өмүрзаков, «Мухаммед Умар» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү
А.Алимова, «КИТЕП.kg» дүкөнүнүн деректири
К.Кимсанов, Уюштуруу жана калыстар тобунун башчысы

