Жаңылыктар

Арал орто мектебиндеги ачылыш

Үстүбүздөгү жылдын 16-майында, Талас районунун К. Нанаев атындагы Арал орто мектебинде кыргыздын таланттуу акын кызы Динара Бейшеналиева атындагы атайын кыргыз тили кабинети ачылып, ачылыш аземге мугалимдер жамааты, окуучулар, жалпы айыл эли жана акындын бирге окуган классташтары катышты.
Маарекенин кызыл лентантасын Динара Бейшеналиванын устаты, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаков жана философия илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Эрмек Үмөтовдор кесишти. Класстын ачылышына мектептин директору Жамал Камчыбекованын жана Улуттук жазуучулар кошуунунун төрагасы Каныбек Иманалиевдин колдоосу чоң болгонун белгилей кеткибиз келет.
Динара Бейшеналиева атындагы кабинеттин кире беришинде эле, ага ыр жазганды үйрөткөн Бектур Исаков агайынын сүрөтү илинип, агайга деген арноо ыры көзгө бадырайып көрүнөт. Акындын бала кезде жазылып, Чынгыз Айтматовго арналган ыры, андан ары устаттары Асан Жакшылыковдун, Абдиламит Матисаковдун, Жолборс Жоробековдун, Карбалас Бакировдун, Сагын Акматбекованын, Султан Раевдин жана журналист Кайыргүл Надырбекованын сүрөттөрү, жакшы кептери да илинген. Окуучуларга мотивация боло турган ырлары, “Жети сөз”, “жети ыр” деген аталыштагы насаат кептери класс ичине киргендердин көңүлүп толкутуп, ойго салат.
Динара Бейшеналиева ушул мектепти аяктаган. Мындан бир аз жыл мурда ушул жаңы мектептин пайдубалы түптөлгөн салтанаттуу той маарекеге да катышып, ырларын окуп, жакшы тилектерин айткан эле. Ыр демекчи, акын кыз өзүнүн жаңы чыккан китептеринин бет ачаарларын да өзү окуган мектебинде өткөзүп, окуучулар, жалпы айыл эли менен кубанычын тең бөлүшүп келген.
Адабият мугалими Бектур Исаков акын кыздын балалык чагынан, алгачкы чыгармачылык кадамдарынан кеп салып берди. «Динараны кичинесинде чоң энеси Айдай апа мектепке жетелеп келип, жетелеп кетип жүрүп, анан менин колума өткөзүп берди. Менде окуган ар бир бала ыр жазаар эле. Ошолордун катарында Динара да жазчу. Бир күнү кырк-элүү ырын көтөрүп, үйүмө келиптир. Ырларын окуп алып, чыныгы акынды көрдүм. Баягы машыгуу мезгилинен эбак өтүп кеткен экен. Ошол жерден мен анын кулагына сен акынсың, чыныгы акынсың деп айтып, өзүнүн акын экенин тааныта баштадым. Анткени, өзүн – өзү тааныбаса ыр жазганын таштап койобу деген чочулоо болду. Башка окуучулар менен жолугушууларды өткөрдүм, ырларын окутуп, магнитофонго жаздырдык. Кийин, Фрунзе шаарына, «Ленинчил жаш» гезитине барып, Мелис Эшимканов, Темирбек Чалов, Сүйүн Курманова өңдүү мыкты журналисттерге табыштадым …”деди агай. Сөзүнүн аягында окуучусуна “Бектур агай” деген өзүнүн төш белгисин тагып, акындын мындан ары да мыкты чыгармаларды жарата беришине тилектештигин билдирди.Күндөп -түндөп көз майын коротуп, жүрөк отун кошкон “Сабат алиппеси” китебин белекке берди.
Эл агартуучулар Эрмек Үмөтов, Жамал Камчыбекова, Чокойбек Сулайманов, Сейил Жуматаева жана классташтардын атынан Исабек Нурманбетов, Болот Осмонбеков, Жылдыз Ибраимова, Элмира Турсуналиева, Бакбү Сагыналиева, Анаркүл Сагынбаева жана башка айыл тургундары жакшы каалоо- тилектерин айтышты.
Мектеп окуучулары ыр-бийлердин коштоосунда акындын ырларын жатка айтышып, өздөрү жазган ырларын окушуп, Динара Бейшеналивадан ыр китебин белекке алышты. Акын ушул класста алар менен тыгыз байланышта болоорун, акыл – насааты менен колдоп тураарын айтып, мектеп жамаатына ыраазычылык билдирди.
Мектептин китепканасына өзүнүн жана башка акын, жазуучулардын китептерин өткөрүп берип: “Балдар, китеп окугула! Жан дүйнөңөрдү сулуулагыла! Сулуулук-дүйнөнү сактайт”,- деген жакшы кеби менен маарекени жыйынтыктады.

About the author

Жазуучулар Союзу