Кутучадагы адам
Аңчылыктан кайтып келе жатышкан мергенчилер Мироносицкий айылынын четинде жайгашкан ыстарчын Прокофийдин сарайын түнкү башпаанек катары тандап алышты. Алар экөө болчу: бири – мал доктур Иван Иваныч, экинчиси – гимназия мугалими Буркин. Иван Иванычтын фамилиясы өтө таң калычтуу жана – Чимша-Гималайский деген эки ысымдын айкалышынан туруп, өзүнө таптакыр ылайык келбегендиктен губерниядагылардын бардыгы аны жөн гана ысмынан жана атасынан атынан чакырыша турган; ал шаардын жанындагы атканага жакын жерде жашачу жана аң уулоого жөн гана таза аба менен дем алуу үчүн келген. Ал эми гимназия мугалими Буркин болсо, жыл сайын жай айларында П. аттуу графтыкына келе турган жана бул жердегилер аны өз киши катары кабылдашчу.
Уйкулары келбегендиктен шыңга бойлуу жана дагы сыйда муруту бар Иван Иваныч сыртта тамеки тартып отурду; аны айдын жарыгында даана көрүүгө болор эле. Буркин болсо сарай ичиндеги чөп үстүндө жатты.
Ар кыл окуяларды айтып, кобурашып отурушту. Мисалы, ыстарчындын бетинен бит тайгаланган жана дагы акылы тетик аялы Мавра өмүр бою өзү туулуп өскөн айылынан сырткары эч жерде болбогондугу, бир дагы шаар, темир жол дегенди көрбөгөндүгү, ал тургай акыркы он жыл аралыгында мештин үстүнөн такыр эле түшпөй калгандыгы, көчөгө түнкүсүн гана чыгары тууралуу сөз болду.
-Анын эмнеси бар экен!-деди Буркин. – Ак уруп дербиш сымал жалгыз-жарым жүргөн адамдарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Балким, бул байыркы адамдын коомдук жаныбарга айлангычакты өзү менен өзү жүргөн учуруна таандык аватизм көрүнүшүдүр, ал балким, адам баласынын мүнөзүнө тиешелүү көрүнүштөрдүн эле биридир – ким билет? Албетте, мен табиятчы болбогондуктан мындай маселелерге баш ооруткум келбейт; мен болгону Мавра өңдүү адамдар чанда бир кездешүүчү көрүнүш экендигин эле белгилеп кетким келет. Айталы, жакында эле биздин шаарда грек тилинин мугалими Беликов аттуу теңтушум каза тапты. Албетте, сиз ал киши тууралуу уккансыз. Анын бир өзгөчөлүгү аба ырайы жакшы учурда деле бутуна көлөч, колуна кол чатыр жана сөзсүз түрдө үстүнө жылуу пальто кийип алып көчөгө чыгар эле. Кызыгы кол чатыры, сааты, ал тургай карандаш учтоо үчүн сууруп чыккан бычагы дагы кутучада боло турган. Пальтонун жакасын тик көтөрүп жүргөндүктөн бети дагы кутучада жүргөндөй туюлчу. Анан калса, үстүнө бешмант кийип, көзүнө күңүрт көз айнек тагынып, кулагына кебез тыгып алаар эле. Ал тургай, арабага отурса дагы сөзсүз түрдө үстүндөгү чүмбөтүн түшүрүп коюуну буюрчу. Бир сөз менен айтканда, бул адам өзүн дайыма кандайдыр бир кыртыш менен курчап алууга, башкача айтканда өзү үчүн айланасындагылардан коргой турчу кандайдыр бир кутуча жаратып алууга аракеттенүүчү. Коомдук турмушта болуп жаткан нерселер ал үчүн жат болгондуктан көпчүлүккө кошула бербей, ар кыл той-тамашалардан өзүн оолак кармай турган. Өзүнүн мындай жүрүм-турумунан сыр алдырбас үчүн ал такай өткөн мезгил менен катар эле эч качан болуп көрбөгөн нерселерди көтөрө чаап мактачу; өзү окутуп жаткан байыркы көөнө тилдер ал үчүн чыныгы турмуштан жашынып калган ошол эле көлөч менен кол чатыр сыяктуу кызмат кылышчу.
-Грек тили кандай гана уккулуктуу! – дей турган жана өзүнүн бул айтканын ырастоо үчүн сөөмөйүн чычайта жогору кезөө менен корстон боло: «Антропос!»-деп айтып, шыпшынып алар эле. Ошентип, бул адам бир гана өзүн эмес ойлорун дагы кутучага жашырууга аракет кылчу. Ал үчүн бир гана буйрутма кат жана гезит макалалары түшүнүктүү эле, себеби аларда айрым бир нерселерге тыюу салынчу. Айталы, буйрутма катта окуучулардын кечки саат тогуздан кийин көчөгө чыгуусуна же кайсы бир макалада көчөдө шынаарлашып турууга тыюу салынса, болду, бул нерсе ал үчүн беш жерде беш жыйырма беш дегендей эле түшүнүктүү боло турган; тыюу салындыбы – болду! Ал эми кайсы бир нерсеге уруксат берүү – ал үчүн кандайдыр бир шектенүүлөрдү жаратуучу. Мисалы, шаарда драмалык ийримге, окуу залына же чайканага уруксат берилсе, ал башын чайкап:
-Албетте, мунун өзү жакшы дечи, бирок шайтан сайып, бир балээ болбосо эле болду!-деп күңгүрөнө турган.
-Бардык эле эреже бузуулар же эрежеге моюн толгоолор ага эч кандай тиешеси жок экендигине карабастан анын таңыркоосу кыжырдануусу менен коштолчу. Тели-теңтуштарынын бири чиркөөгө кечиксе, гимназия окуучусунун кайсыл бир осол иши же эл көзүндө жүргөн кайсы бир бийкечтин кечкурун кайсы бир аскер адамы менен сейилдеп жүргөндүгү тууралуу каңырыш кептер жетсе, болду дей бер, ал аны абдан толкундоо менен кабыл алып: «шайтан сайып, бир балээ болбосо эле болду!-деп күңгүрөнө турган. Ал эми педагогикалык кеңеште ал бизди өзүнүн аярлыгы, шектенүүлөрү менен жарга такап, эркектер менен аялдар гимназиясында билим алып жатышкан жаштардын жүрүм-турумунун бузулгандыгы, класстык бөлмөлөрдө такай ызы-чуу болуп тураары, төртүнчү класстагы Петров менен экинчи класстагы Егоровду окуудан чыгаруу керектеги тууралуу ойлору менен жадата турган. Анан эмне болду дебейсизби? Ошентип ал өзүнүн оор үшкүрүүлөрү, онтоолору, күзөндүкүндөй кичинекей жана дагы кубакай жүзүндөгү күңүрт көз айнеги менен барыбызга бирдей таасир эткендиктен, биз баарыбыз ага айласыз жеңилип берээр элек. Ооба, ал тургай, биз Петров менен Егоровду жүрүм-туруму боюнча күнөөлөп, акыр аягы окуудан кууп чыкканбыз. Айтор, анын адамды таң калтыра турган жерлери көп эле. Кээде ал эч кандай суроо-сопкуту жок эле биз жашаган бөлмөгө баш багып калчу. Бирок, лам деп ооз аччу эмес. Не болуп кетээр экен дегенсип бир-эки саат бою үн-сөз жок бизди акмалап отура берчү. Мунун өзүн ал «тели-теңтуштар менен болгон жакшы мамилени кармап туруу» деп атачу. Албетте, биздин бөлмөгө келип отуруп кетүү ал үчүн өзүнчө машакат болсо да, бул аны теңтуштар ортосундагы милдеттердин бири катары саначу. Биз мугалимдер андан коркоор элек. Биз эле эмес андан директордун өзү дагы коркоор эле. Бизди, көп нерсеге көзү каныгып, Тургенев менен Щедриндин чыгармаларынан тарбия алган мугалимдерди ар убак бутунан көлөчү, колунан кол чатыры түшпөгөн ушул адам – дээрлик он беш жыл кыңк эттирбей кармап келди. Гимназия эмне болуп калыптыр? Бүтүндөй шаарды кармап турду го, чиркин! Демейде, мээге чай кайната калчу катындар дагы Беликов билип калбагай эле деген ой менен чамгаракташып, ишемби күндөрү “бекер концерт” тартуулай калчу өнөрлөрүн, ал эми дин кызматкерлери карта оюндарын токтотушкан. Ошентип, Беликов өңдүү адамдардын таасири алдында акыркы он-он беш жыл ичинде шаар тургундары бардык нерселерден, айталы – катуу сөз сүйлөөдөн, кимдир бирөөгө кат жазуудан, кимдир бирөө менен таанышуудан, китеп окуудан, багаар-көрөөрү жокторго жардам берүүдөн, кимдир бирөөнүн кат таанып, сабаттуу болуусуна көмөк көрсөтүүдөн коркуп калышкан…
Иван Иваныч бир нерсе айтчудай болуп акырын жөтөлүп алды да, алгач колундагы мүштөгүн күйгүзүп, андан соң тиги көктөгү айга көз чаптырып алып, мындай деди:
-Ооба, адептүү адамдар, ошентип Щедрин менен Тургеневди, андан калса Боклей жана башка ошол өңдүү генийлерди окушканы менен, кайдагы бир эрежелерге баш ийишет, кайсы бир адамдын осол кылык-жоруктарына чыдашат… Кептин баары мына – ошондо.
-Беликов экөөбүз бир үйдө, тагыраагы бир кабатта маңдай-тескей жашагандыктан, такай жүз көрүшүп тураар элек, – деп сөзүн улантты Буркин. Анан калса менен анын үй турмушун дагы беш колдой билчүмүн.
Үйүндөгү дагы дал ошондой эле көрүнүшкө күбө болор элең: эшиктин каалгасы такай кулпуланып: «Нары баспа, аны кармаба, андай кылба, антпе-минтпе!» деген сыяктуу баягы эле чектөөлөр, анан калса “шайтан сайып, бир балээ болбосо эле болду!” – деген шектенүүлөр. Беликов ден соолукка зыян деген ойдо майлуу тамак жебегени менен таптакыр май аралаштырбай тамактануу дагы туура эмес деген бүтүмдө уйдун майына куурулуган балык жей турган.
Баса, башкача түшүнүп алышпасын деген ой менен ал аял кишилерди үй кызматына алчу эмес. Үй кызматы качандыр бир мезгилдерде ашканада иштей калган жашы алтымыштардагы, жарым эс Афанасий деген ашпозчуга жүктөлгөн. Афанасий адатта кызуу жүрө турган жана Беликов тамакка отурган учурларда колдорун бооруна кайчылаштырып (скрестив), босогодо тураар эле да:
-Шайтан алгыр, мындай болуп кетет деп ким ойлоптур!-деп күндө айта жүрчү сөзүн кайталап айтып, оор үшкүрүп алар эле.
Беликовдун уктоочу бөлмөсү дагы кудум кутучадай кичинекей эле. Ал эми керебетин ал көшөгө менен тартып алган. Төшөккө жатаары менен дароо чүмкөнүп алчу; мештеги отун гүүлдөп күйүп, үй ичи мончодогудай ысып, ашканадан күңкүлдөгөн үндөр менен оор үшкүрүктөр чыкчу… Чүмкөнгөнүнүн себеби ал болор-болбос нерселерге убай жеп, болор-болбос нерселерден коркор эле. Шайтан сайып, бир балээ болуп кетип, Афанасий аны муздап салса, же уурулар дубал ашып кирип келсе не болот? – деген ой менен жаткандыктан түнү бою бир шумдуктуудай түштөрдү көрө турган. Ошондон улам биз эртең менен чогуу гимназияга бара жатканыбызда “сиркеси суу көтөрбөй”, өңү кер-сары тартып турчу. Ал бара жаткан гимназия ал үчүн жат, коркунучтуу болчу. Ал тургай, табиятынан жалгыздыкка көнгөн ал үчүн мени менен көчөдө бирге басуу дагы болуп көрбөгөндөй күч-аракеттерди талап кылып жаткандыгын байкоого болор эле.
-Класс ичи качан болбосун чуру-чуу! – дечү ал өзүнүн эмне себептен улам маанайы пас экендигине жооп издегендей. – Деги, мындайды ким көргөн.
Ошентип, мына ушул грек тилинин мугалими, мына ушул кутучадагы адам аз жерден үйлөнүп кала жаздаган.
Иван Иваныч сарай жакты бир карап алып мындай деди: – Койсоңузчу, чын элеби?
-Ооба, чыны менен эле үйлөнүп кала жаздаган. Күндөрдүн биринде бизге тарых жана география сабактары боюнча Коваленко Михаил Саввич деген узун бойлуу, жаш жана кара торусунан келген жаңы мугалим келди. Мына ошол Михаил Саввич өзү эле эмес, Варенька деген карындашын ээрчите келди. Баса, колдору дагы күрөктөй болуп жазы эле жана сүйлөгөндө үнү кернейден чыгып жаткансып күрүлдөп турчу. Карындашы Вареньканын сулуучасынан келген боюу узун, каштары кара жан эле жана жашы отуздарга таяп калгандыгына карабастан бийлечү жерде улактай так секирип бийлеп, ырдачу жерде орус романстарын созолонто ырдап жиберчү. Анан дагы бир кичине эле нерсеге боору эзилгенче каткырып күлө берген күлкүлчү эле: ха-ха-ха!
Алгач ирет биз Коваленколор менен директордун туулган күнүндө тааныштык. Карасак эле оңой менен күлө беришпеген жана туулган күндөргө дагы өз милдеттеринен кутулуп коюу үчүн гана келишчү биздин мугалимдердин арасында кадимки Афродита жүрөт. Жок, ал жөн гана жүрбөстөн бийлеп, ырдап, кимдир бирөөлөрдү бийге тартып, кимдир бирөөлөргө бир нерселерди айтып, алардын айткандарына чын дилинен каткырып күлүп, айтор барыбызга бирдей көңүл бөлүп, баарыбыз менен бирдей тамашалашып жүрдү. Бир маалда ал «Бороондуу жылганы» андан кийин улам бир романсты созолонто ырдап, бардыгыбыз менен жылдызы келишип калды. Ал тургай, анын мына ушул жылганын боорундагы булактын үнүндөй тунук күлкүсү, кылык-жоруктары Беликовдун дагы жүрөгүн жибитип жибергендей болду. Ал Вареньканын жанына келип отурду да мындай деди:
-Кичи орус тили өзүнүн ыргагы жана уккулуктуулугу менен байыркы грек тилине окшошуп кетет…
Беликовдун бул айтканы Варенькага жакты белем, өз кезегинде ал туулуп-өскөн кыштагы Гадяческий уездинде жайгашкандыгын, ал эми ошол кыштакта энеси калгандыгын жана ал жерде муштумдай-муштумдай болгон алмуруттардын, аттын башындай болгон коондордун өсөөрүн жана анда жашагандар көбүнчө кызыл-көк бир нерселер аралашкан борщ жасашаарын, ал болсо кудай ургандай ширин болору тууралуу саймедиреп айтып жатты.
Акыр аягында анда отургандардын бардыгынын башына бир ой келгендей болду.
-Биз бул экөөнү үйлөнтүп койсок не болот?-деди директор кулагыма акырын шыбырап.
Эмнегедир Беликовдун ушул күнгө дейре бойдок экендигин эч кимибиз капарыбызга албаптырбыз. Деги эле аялзатына болгон көз карашы кандай экендигине, үйлөнүү өңдүү олуттуу маселе тууралуу кандай ой жоруп жүргөндүгүнө алиги күнгө чейин көңүл бурбай келгендигибизди ойлоп аң-таң болдук. Мурда, чыны менен эле бул нерсе бизди эч качан кызыктырбаптыр; балким мунун өзү аба-ырайына карабастан бутуна такай көлөч кийип, көшөгө артына жатып уктап жүргөн кишинин кимдир бирөөнү сүйүү колунан келмек беле!-деген оюбузга байланыштуу болгондур.
-Ырасында эле, – деди директор. Анын эмнеси бар экен? Беликов кырктан өтсө, тиги отуздан өтүп калыптыр. Менимче, Варенька “Кудай”-деп эле барса керек.
-Эригип-ээлигүүдөн, жоопкерсиздиктен улам элет жеринде эмнелер гана болбойт дейсиң! Анын бардыгы зарылдыгы жок, кандайдыр бир бейпайда нерселердин болуп жаткандыгынан улам келип чыгат. Айталы, аялы бар деп айтууга дагы болбой турган Беликовду үйлөндүрүүнүн кимге кандай зарылдыгы бар эле? Мына ушундан кийин директор менен инспектор айымдар, ал гана эмес гимназияда иштеген жалпы аял аттуулар жашоо максатын таап алышкансып жандана да, жакшыра да түшүштү. Директор театрга билет алды дегиче жанында бакыттан көздөрү жайнаган Варенька, ал эми анын жанында үйүнөн мылтык менен айдап чыккандай кейиптенген Беликов отурган болот. Ал эми отурушту мен уюштурдум дегиче айымдар ал жерде Беликов менен Вареньканын болуусун талап этишет. Кыскасы, биз мына ушундан тартып бул экөөнү үйлөндүрүп коюу тууралуу ой менен алек болдук. «Буудайдын барар жери – тегирмен, кыздын барар жери – күйөө» демекчи, кимдир бирөөлөр бул ойдун четин чыгарышса, Варенька деле «Жок, мындай болчу эмес, кокуй!» – деп так секирбептир. Эби келсе, эрге тийүү деле оюнда бар экендигин кыйытыптыр. Анан кантсин, агасы экөө үйдө калды дегиче күнү кечке болор-болбос үчүн чырылдашат. Кайдагы бир өткөн-кеткен окуялар туурасында талашып-тартышып кызыл чеке болушат. Бири: «Кокуй, бул агам экен» же экинчиси: “Кокуй, бул карындашым экен” дебейт. Коваленко мындайда таягы менен жерди бир уруп, Вареньканы акшыя карайт да: «Жетишет!-дейт, аял кишинин чачы узун болгону менен акылы кыска деген ушул. Билип-билбей талаша бербей өз ордуңду бил!»-деп күрүлдөйт. Ушундан улам Варенька деле оңтойу келсе кайсыл бир эркек аттууга, ал тургай, мына ушул грек тилинин мугалимине деле турмушка чыгып, өзүнчө түтүн булатсам дегенде ак эткенден так этет. Бирок, уялаш эмеспи, Коваленко карындашын тымызын кадырлайт. Багы ачылып, турмуштан өз ордун таап кеткей эле деп ойлоп, кудайдан тилек кылат. Кыскасы, күн өткөн сайын Вареньканын Беликовго карата болгон сезими тымызын жанданып бара жаткандай болду.
Ал эми Беликов болсо Коваленкого кудум бизге келгендей келип-кетип жүрдү. Башкача айтканда, келет да “лам” деп ооз ачпай отурганы-отурган. Варенькага ага «Бороондуу жылганы» ырдап берет же көздөрүн божурайтып бир саамга аны ойлуу тиктеп отурат да, бир убакта боору эзиле каткырып күлөт: — Ха-ха-ха!
Сүйүү иштеринде, өзгөчө үйлөнүү маселесине келгенде ынандыра билүү чоң роль ойнойт эмеспи. Жолдоштору, ал тургай айымдар дагы Беликовду үйлөнбөсөң болбойт деп ынандыра башташты; кыскасы биз баарыбыз аны куттуктап, нике деген өтө маанилүү нерсе экендиги жана ага олуттуу мамиле жасабаса болбой тургандыгы тууралуу кеп-кеңешибизди айтып жаттык. Анын үстүнө, Варенька келбеттүү гана эмес, Беликовго чын ыкластан, олутуу мамиле жасап жаткан биринчи аялзаты болгондуктан Беликов чыны менен эле үйлөнбөсөм болчудай эмес-деген чечимге келди.
-Атаң көрү! – деди жанатан бери үн-сөзсүз тыңдап отурган Иван Иваныч бир маалда үн катып. Ошондон пайдаланып колундагы кол чатыры менен бутундагы көлөчүн чечип алып салсаңар болмок экен.
-Аны ойлонбой койду дейсизби. Мына ошол күндөн тартып ал Вареньканын сүрөтүн столунун үстүнө коюп алды да, күн сайын меникине баш багып, Варенька жана үй-бүлөлүк турмуш тууралуу, нике деген оюнчук эмес экендиги жана ага карата олуттуу кадам таштоо керектиги тууралуу айткан менен жашоо образын кылчалык да өзгөрткөн жок. Тескерисинче, үйлөнөм деген чечим ага тескери таасир эттиби, айтор, мына ушундан кийин ал арыктап кетти жана өңү керсары тартып, өзүнүн кутучасына таптакыр эле кирип кеткендей болду.
-Варвара Саввишна мага жагат, – деди ал бир күнү мени менен сүйлөшүп отуруп. Ооба, ар бир адам үйлөнүп, өзүнчө түтүн булатуусу зарыл деңизчи. Бирок… мунун бардыгы ойдо жок жерден болуп кеткендиктен, шашпай отуруп алып акыл калчоо керек го дейм…
-Ойлонгондо эмне? Үйлөнүңүз – дедим мен, калганын бара көрөсүз.
-Жок, андай болчу эмес, үйлөнүү – өтө олуттуу маселе, шайтан сайып, бир балээ болуп кетпеш үчүн алгач алдыда турган милдеттемелерди, жоопкерчиликти таразалап чыгуу абзел. Ансыз деле бул нерсе мени ушунчалык деңгээлде түйшөлткөндүктөн түнкүсүн көз ирмебей таң атырып жатам. Ал гана эмес, чын-чынына келгенде кооптонуудамын: Варенька агасы экөө өтө эле бир таң калычтуу ой жорушат экен. Айтор биздей эмес. Мүнөздөрү дагы башкача. Мындай кызга үйлөнөөрүн үйлөнүп алып, анан “кайгы жокто кайненем өлдү” демекчи бир балаага кабылып, шоруң шорподой кайнасачы?!
Мына ушундай бүтүмдөн кийин ал директор менен бүтүндөй аялдар жамаатына өчөшкөнсүп, Вареньканын колун сурап барууга ашыкпады; бардыгын өлчөп-бычып, алдыдагы милдеттемелер менен жоопкерчиликтер тууралуу акыл калчады. Ошол эле учурда үйлөнүү алдында ушундай болуу керек дедиби, ким билсин, айтор күн сайын Варенька менен сейилдеп басканын токтоткон жок.
Окуянын мындай чиеленишине караганда ал акыры бир күнү Вареньканын колун сурамак да, ойлонулбай ишке ашып, адамдын мазесин алган жүздөгөн бейпайда никелердин дагы бири кыйылмак. Бирок, андай болгон жок. Ага күтүлбөгөн жерден болуп кеткен бир жаңжалдуу окуя жолтоо болду. Коваленко Беликовду алгач ирет көргөндө эле жактырган эмес жана көргөн сайын кыжыры келээр эле.
-Таптакыр түшүнбөйм. Мындай куу чирен менен кантип бир жерде иштеп, бирге басып жүргөнүңөрдү түшүнсөм майнекенин таз катыны болоюн!-дечү ал бизге ийиндерин куушура берип. Э-э, мырзалар, ушу кантип болсун. Кемпайлар менен бирге жашап, акылыңардан айныйлы деп калгансыңар го дейм. Болбосо, бар го… Мындай наадан менен коомдо бирге жашоо үчүн же көк мээ же мурдуна бок сүйкөсө туйбаган аймаңкы болуу керек! Жок, туугандар, силерди билбейм, мен болсо бир аз иштеп алып, өзүмдүн кыштагыма кетем, барып – балык уулап, хохол балдарга сабак берем. Силер болсо, мына, бул кудай албаган Иудаңар менен эзилип отура бергиле.
Мына ушинтчү же болбосо боору эзилгенче каткырып, көзүнөн жаш чыкканча күлөр эле да, алаканын жайып мындай дээр эле:
-Меникинде эмнеге отурат дейм да? Деги эмне болгон адам бул өзү? Отурат эле отурат, ал эми жалдырап караганычы! Коваленко Беликовго «Ач арбак» деп ат дагы коюп алыптыр. Мунун баарын көрүп-билип туруп, албетте, биз Вареньканын дал мына ошол «Ач арбакка» турмушка чыга тургандыгы тууралуу сөз кыла алган жокпуз. Директор бир күнү Вареньканы мына ушундай Беликов өңдүү эл ичинде кадыр-баркы бар адамга турмушка узатуу ашыктык кылбастыгы жөнүндө кыйытканында, Коваленко кабагын карыш түйүп, адатынча күрүлдөп мындай деген:
-Ал менин ишим эмес. Мага салды шайтандын баласына күйөөгө тийсин, бирөөнүн турмушуна кийлигишип өлө албай жүрүптүрмүнбү?!
Анан эмне болуптур дебейсизби? Кайсы бир бейбаш карикатура тартыптыр: анда Беликов кол чатыр көтөрүп, шымынын багалегин түрүп алган, бутунда – көлөч. Жанында аны колтуктай басып Варенька келе жатат; төмөн жагында: «Арзуусу күч алган антропос» деген жазуу. Таппасаң сыйпалап кал! Тим эле укмуш. Образын так ачып бергендигине караганда сүрөтчү анын үстүндө бир нече күн иштегендей. Ошентип эркектер жана аялдар окуган гимназиянын мугалимдеринин, семинария мугалимдеринин, ошондой эле аткаминерлердин бардыгынынын колуна бирден сүрөт тийди. Албетте, сүрөттү Беликовго дагы беришти. Сүрөт ага өзгөчө жагымсыз таасир калтыргандыктан, көзү караңгылап, көңүлү ооруду.
Бир күнү баарыбыз үйдөн чогуу чыктык, калп айтпасам ал биринчи май – дем алыш күн болчу. Биз – мугалимдер жана гимназия окуучулары, гимназиянын алдында жолугушуп, андан соң шаар четиндеги токойго барып келели деп макулдашкан элек. Таң эрте үйдөн чыксак Беликов көчөдө туруптур, кабагына кар жаап, кимдир бирөөлөргө ызаланып алгандай.
-Кандай гана наадан, акмак адамдар бар!-деди ал үнү дирилдеп, ошол эле учурда эриндери да титиреп кетти.
Негедир мен аны аяп кеттим. Үн-сөз жок, бир аз илгери баскан соң артыбызды карасак, Коваленко, карындашы Варенька экөө тең велосипед тээп, куйрук улаш куушуп ойноп келе жатышыптыр.
Биздин тушубузга келгенде, Варенька адаттагысындай кашкая күлүп, мындай деп кыйкырып өттү:
-Биз алдыга кете берели. Ылдамдагыла… Аба-ырайы кантет деги. Тим эле укмуш!
Сур булуттай түнөрүп келе жаткан Беликов бир заматта кубарып кетти да, нес болгон немедей мени бир карап алып:
-Бул менин өңүмбү же түшүмбү? Не деген жосунсуз жорук бул өзү?! Уят-сыйыт дегенди жыйыштырып коюп, биз, гимназиянын мугалимдери ушинтип велосипед тээп калдык беле?
-Тепсе эмне экен? – дедим мен. Велосипед тебүү ден соолукка пайда. Тебе беришсин.
-Коюңузчу, ошондой да болчу беле?! – деди ал менин мындай жообума аң-таң болуп. – Боорду эзесиз да!
Эмелеки көрүнүшкө шаабайы сууй түшкөн ал андан ары баргысы келбей үйүн көздөй илээлей басып артына жөнөдү. Кийинки күнү ал өзүнчө эле туталанып, улам-улам колдорун укалап, капысынан эле селт этип кетип жатты. Көңүлү ооруп, өзүн жаман сезип тургандыктан өмүрүндө биринчи жолу өтүлүүчү сабактарын таштап үйүнө эрте кайтты. Кечкурун аба ырайы кадыресе жылуу экендигине карабастан, жылуу кийинип алып, Коваленколордукун көздөй бет алды. Үйдө Варьенка жок болгондуктан, агасы жалгыз экен.
-Отуруңуз, бай болгур-деди Коваленко кабагын чытып; ал түшкү тамактануудан кийин эс алып жатып көзү илинип кеткендиктен кыртышы киши сүйбөй турган.
Беликов он мүнөттөй үн-сөз жок отурду да, мындай деп сөз баштады:
-Өткөндө кайсы бир сүрөтчү сөрөй келекелөө ою менен мени жана дагы сиз экөөбүзгө жакшы тааныш бир бийкечти кошуп күлкүлүү сүрөт тартыптыр. Иттин баласы… Ишенсеңиз, ошондон бери не кылаар айламды таппай кыйналып жүрөм. Мен ага эч кандай деле себеп берген эмес элем, – тескерисинче, мен ар дайым өзүмдү салабаттуу адам катары алып жүргөнгө аракет кылчумун.
Коваленко лөкүйүп, баштагысындай эле кабагын чыткан боюнча угуп отурду. Беликов болсо, бир аз күттү да, муңайымдуу үн менен сөзүн минтип улантты:
-Баса, сизге салыштырмалуу гимназияда көптөн бери иштеп келе жаткандыктан жана колу-жолу улук кызматташ адамыңыз катары дагы бир нерсени айтып коюум абзел. Жакында эле сиздин велосипед тээп бара жаткандыгыңызга күбө болдум. Мунун өзү боз уландарга таалим-тарбия берип жаткан тарбиячы үчүн өтө эле осол иш.
-Кандай дейсиз?!-деди Коваленко үнүн катуу чыгарып.
-Эми бул жерде аны түшүндүрүп отуруунун деле кереги жок го дейм, Михаил Саввич, жаш эмессиз дегендей… Эгерде тарбиячы велосипед тепсе, аны көргөн окуучулар эмне кылмак? Албетте, классты башына көтөрүшөт. Жалпы баарына буйрук иретинде уруксат берилген жокпу, демек тебүүгө болбойт! Кечээ мен сиз менен Вареньканы велосипед үстүндө көргөнүмдө, чынын айтсам абдан жаман болдум. Ал тургай, көзүм караңгылап кетти. Аял кишинин велосипед тепкени – акыр замандын келгени эмеспи!
-Бери караңызчы бай болгур, деги сизге эмне керек?
-Мага эч нерсенин деле кереги жок. Болгону, Михаил Саввич, мен сизди ойго келбес жаман нерселерден эле сактап калайын дейм. Сиз азыр жашсыз, келечегиңиз алдыда, ошондуктан өтө этият болууңуз абзел. Анын ордуна сиз тим эле жаш балача дардаңдайсыз! Ооба, айтса-айтпаса төгүнбү, такай жеңи чолок көйнөк кийип, колтугуңузга болор-болбос китептерди кыстарып нары-бери басканыңыз аз келгенсип, эми кайдагы бир велосипед… Эгерде карындашыңыз экөөңүздөр велосипед тээп көчөгө чыкканыңыздарды директор айым укса не болорун билесизби? Бул жакшылыкка алып барбайт!
-Эмесе, мындай-деди Коваленко түнөрүп, биз велосипед тебебизби-коёбузбу, кимдин кандай иши бар!? Жеке турмушубузга кийлигишип, жөн жашагылары келбегендердин мен жеке өзүм сазайын колуна берем!
Беликов кумсарып кетти да, ордунан обдула берип мындай деди:
-Эгерде сиз мага мына ушундай ороң-бараң мамиле жасаганыңызды токтотпосоңуз, сөзүмдү андан ары уланта албайм. Анан дагы менин көзүмчө мындан ары жогорку жетекчиликти жамандабашыңызды өтүнөт элем. Бийликке сый мамиле жасоо керектигин эскерте кетким келет.
-Мен эмне, бийлик жөнүндө жаман сөз айттымбы?! – деди Коваленко эми чыны менен ачууланып. Мен дагы сизден өтүнөт элем, мени жайыма коюңузчу, бай болгур. Мен ак ниет жана түз жүргөн адаммын, ошол себептүү сиз өңдүү мырза менен сүйлөшкүм келбейт. Билсеңиз мен сизге окшогон бюрократтарды жек көрөм!
Беликовдун эриндерди титиреп кетти. Өмүрүндө биринчи жолу бул өңдүү орой мамилеге туш болуп жаткандыктан ызасына муунуп, не айтаарын билбей туттугуп калды. Бир аздан соң ордунан ыргып туруп эшикти көздөй жөнөдү да, артына кылчайып мындай деди:
-Оюңузга келгендин баарын айта бериңиз. Бирок, эскертип коёюн: балким бирөө-жарым бизди угуп тургандыр жана бул нерсе элге жетип, тескери кабылданып, бир балээ болуп кетпеш үчүн мен директор айымга сиз экөөбүздүн ортобузда болгон сөздү төкпөй-чачпай жеткирүүгө милдеттүүмүн, сүйлөшкөнүбүз тууралуу айтып коюшум керек…
-Жеткирип?! Бар жеткир, азыр чурка!
Мына ушундан соң Коваленко аны жакасынан аткый кармап, көчүктөн ары тепти эле Беликов оңко-чоңко атып, тепкич ылдый кулап түштү да, тура калып мурдун анан көз айнегин кармалап көрдү; кудай жалгап экөө тең ордунда экен. Бирок, дал ушул маалда, тагыраак айтканда ал тепкич ылдый тоголонуп бара жатканда Варенька эки бейтааныш аялды ээрчитип келип калган болчу; алар дал ошол тепкич түбүндө карап турушкан. Мунун өзү Беликов үчүн күтүүсүз сокку болду. Ушинтип шылдың болгуча арка-моюнум алдымда калып, ошол бойдон турбай калсам эмне? Бул туурасында эми бүтүндөй шаар угат эмеспи, албетте директорго биринчи болуп жетет. Элчи, эл эмне дейт? Сөзсүз бул көрүнүштү кимдир бирөө карикатура кылып тартат, андан соң кызматтан кетиришет-деп ойлоп жиберди.
Ал жерден өйдө болору менен Варенька аны дароо тааный койду да, чамбыл ала болгон жүзүнө, ар кайсы жери бырышкан пальтосуна, бутундагы көлөчүнө бир сыйра көз чаптырып чыкты да, капысынан кулап түштү деген ой менен короону жаңырта каткырып күлүп баштады:
-Ха-ха-ха!
Вареньканын мына ушул шаңдуу каткырыгы Беликовдун көкүрөгүндө уялап жаткан бар жакшы ойлордун баарына чекит койгондой болду. Ызага муунган неме Варенька аны карап алып эмне деп жатканын дагы уккан жок. Шашыла басып үйүнө келди да, Вареньканын стол үстүндө турган сүрөтүн алып таштап, төшөгүнө барып бүк түшүп жатып калды жана ошол боюнча өйдө болгон жок.
Үч күн өткөндөн кийин меникине Афанасий баш багып, Беликов бир нерсе болуп жаткандыгын айтып, доктур чакырсак кантет? – деди. Беликовду көргөнү барсам, ал көшөгө артында одеялга оронуп алып жаткан экен; бир нерсе сурасаң ооба же жок-деп башын гана чайкайт. Башка үн чыгарбайт. Афанасий болсо күйпөктөп жанынан кетпейт. Кабагын карыш түйгөн ал оор үшкүрөт; үшкүрсө, жапма челектен чыгып жаткансып, арактын жыты «бур» этет.
Бир айдан кийин Беликов өлүп калды. Биз аны жалпы баарыбыз, тагыраак айтканда гимназия менен семинария жамааты биригип жерге бердик. Табытта жатканында жүзү тамылжып, мага анын ажары ачыла түшкөндөй көрүндү. Ал тургай, мына бул жарыкчылыктагы түмөн түйшүктөрдүн бардыгынан кутулуп, өзү каалап жүргөн кутучасына биротоло келип жаткандыгына курсант боло:
-Мына бул жерден мени эми чыгарып көргүлө! – деп ууртунан тарта жылмайгансыйт. Ооба, чын-чынына келгенде ал өзүнүн көксөп жүргөн нерсесине жетти! Тажыясына келгенибизде анын урматы үчүн болуп жаткансып аба-ырайы бузулуп, себелеп жамгыр жаап жаткандыктан биз баарыбыз бутубузга көлөч кийип, колубузга кол чатыр көтөрүп алган элек. Тажыясына катышып, топурак салып калуу үчүн Варенька да келген эле. Тажиясы бүтүп, табытты көргө түшүрүп жатканда бышактап ыйлап жиберди.
Чынын айтсам, Беликов өңдүү адамдарды оо дүйнөгө узатуунун өзү адамга кандайдыр бир жагымдуу нерсе тартуулайт экен. Көрүстөндөн биз сабыры суз кайткан менен жүрөгүбүздүн түпкүрүндө кандайдыр бир кубануунун шарапатын сезип жаттык. Ал табыштап кетээр киши жок үй камагында калган чыт курсак балдардын мына азыр булар кетээри менен үйдү үч көтөрө сапырып, каалагандай секирип ойнойбуз! – деген кубанычы сыяктуу эле. Эркиндик, толук эркиндик! Эркиндик сөздүн өзү эле адамга канат бүтүрүп, көңүлүн көккө көтөрөт тура чиркин!
Ошентип биз көрүстөндөн жайдары кайттык. Бирок, бир жума өтүп-өтпөй биз адепкисиндей эле кандайдыр бир кунарсыз, анан дагы толук тыюу салынбаган менен ар кимди жай-жайына койбогон дейди турмушту баштан кечирип баштадык. Чынында эле, Беликовду биз жерге берген менен арабызда ал өңдүү кутучада жашаган канчалаган адамдар жүрөт!
-Ошону айтпайсыңбы – деди Иван Иваныч тамекисин күйгүзүп жатып.
-Тилекке каршы алардын саны жыл өткөн сайын арбып бара жатат! – деди да, оор үшкүрүп алып Буркин сарайдан эшикке чыкты. Бул өзү, эткээл, башында бир тал чачы жок, бирок сакалы белине чейин жеткен жана бою кодо адам болчу; аны ээрчип эки ит эшикке кошо чыкты. Айланага бир сыйра көз чаптырып чыккан соң көктөгү айга тигилип:
-Ай толгон тура, толукшуп тим эле бир укмуш!- деп койду.
Түн ортосу болуп калган. Айдын жарыгында сарайдын оң тарабында жайгашкан айыл жана төрт-беш чакырымга созулган көчө көзгө даана көрүнүп турду. Мына ушундай айлуу түнү айылдын чоң көчөсүн бойлой жайгашкан үйлөрдү, кышкы тоют үчүн үйүлүп коюлган саргыр үймөктөрдү көргөнүңдө көңүлүң кадимкидей көкөлөп, бир саамга болсо дагы бу оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн көр түйшүгүнөн бошонуп, өзүңдү тээ бийикте каалгып учуп бара жаткан эркин куш сезесиң; андай учурларда өмүрдүн мына ошол көк бетинде жарк деп жанып, асмандын тигил бурчунан бул бурчуна зуу коюп учуп жок болгон жылдыздын чагылгандын огундай тездиги, адамдардын көөнүнүн тардыгы, арийне, адамдын адамга карата болгон зулумдугу эстен чыгып, жер үстүндө кандайдыр бир адам баласы эчен доордон бери зарыгып күтүп жүргөн кел-кел заман башталгандай туюлат.
Сарайдын сол тарабында болсо даркан талаа жатты; айдын нуру алдында ал алаканга салгандай даана көрүнгөнү менен кыбыр эткен жан жок.
-Чын-чынына келгенде – деди Иван Иваныч, сенин айтканыңда калет жок. –Мына минтип, шаарда – мээ кайнаткан ысыкта жашап, кажети не пайда-батасы жок кагаздарды толтуруп, кимдир бирөөлөргө жөнөткөн болуп, эртели-кеч кабинеттен чыкпай отурганыбыз же болбосо өмүр бою кудайдан жөө качкан акмактардын, “бээ десең, төө деген” дөөпөрөстөрдүн, “эки айылды эриктирбеген, бир айылды бириктирбеген” узак кулак ушакчы катындардын арасында жашап, болор-болбос нерсеге арданып, э кокуй, эл эмне дейт?-деп жашап келе жаткандыгыбыздын өзү эмне кутуча эмеспи? Мынча болду, угам десеңиз мен дагы бир окуя айтып берейин.
-Жок, кеч болуп кетти, жатып эс алалы -деди Буркин. – Эртең деле күн бар!
Экөө ээрчише басып сарайга кирди да, андагы жайылган чөпкө чалкалай жата кетишти. Кымтыланып жамынып, жаңы эле көздөрү илинип бара жатканда жакын эле жерде кимдир бирөөнүн басып жүргөнү даана угулду: туп, туп… Чынында эле кимдир бирөө сарайдан алыс эмес жерде басып жүрдү; бир аз басат да токтойт, анан кайтып кадам шилтейт: туп, туп… Короочу иттер дабышты коштой үргөн болот.
-Мавра басып жүрөт,-деди Буркин.
Бир аздан соң дабыш угулбай калды.
-Айткандарынын бардыгы карандай калп экендигин угуп билип отуруп, -деди Иван Иваныч бир ыптасынан экинчисине оодарылып жатып, – эч нерсе айта албасаң, көз көрүнө мазактап, беделиңе шек келтирип жатса, сен алардай эки жүздүү эмес, чындыкты жана эркиндикти туу туткан адамдардын катарына кирериңди ачык айта албай, бир кесим нан үчүн, анан дагы жылуу жумшак кызмат ордуңдан кол жууп калбоо үчүн аларга кошоматтык кыла ырсалаңдап күлсөң, – жо-ок, тууган мындан ары мындай жашоого болбойт!
-Коюңуз эми, Иван Иваныч сабыр кылыңыз,-деди Буркин. Андан көрө уктайлы.
-Он мүнөт өтүп-өтпөй Буркин уктап калды. Иван Иваныч болсо улам кайтып үшкүрүп, ойдолоп, нары-бери оодарылып жатып, акыр аягында туруп барып, босого тушка көчүк басты да, чөнтөгүнөн канжасын алып чыгып, ширеңке күйгүздү.
Которгон: Таштанбек Чакиев