ТАТЫМ ТУЗ
Суу айрыгына жакын, саздакка чыккан кыяк чөптү ыктап жалгыз түтүн кыргыз жашады. Эзелтен эле жергиликтүү дыйкан уйгурлар конуш тээп, төшкө такай соккон корук тамдын калдыгынан башка ал жерде дагы бул күнгө чейин төрт түтүн уйгурдун эски тамы сакталып калган. Уезддик шаар мындан алысыраак жерге жайгашкан. Бирок, көндүм адат катары, ага каттаган жөө базарчылар көп деле кыйначу эмес. Элдин айтымына караганда, илгерки бир жылдары көл кыргыздары ушул жакка ооп келип кайткан имиш. Ошолордон Келгинбай аттуу бир түтүн кыргыз ушул жерди мекендеп калыптыр. Ал кезде Келгинбай отуздун ортон белине келип калган жигит экен да, оор келте оорусуна кирептер болуптур. Сапарга шайы келбегендиктен анын зайыбы Оймокчон элден бөлүнүп, күйөөсүн айыктырып кайтууга бел байлайт. Ошентип алар чет жерди мекендөөгө аргасыз болушат. Келгинбайдын туугандары ыгым-чыгым, кепин-акиретин даярдап берип:
– Оо, Оймокчон! Эр деп этегинен кармап калдың. Кор болбоссуң. Ата-бабаларыбыздын арбагы колдоп эрди элине кош! – деп чуркурап бата беришет.
Келгинбайдын тагдыры Оймокчонго тапшырылгандан кийин, кайнатасы сакалынан жашын куюлтуп туруп, көптүн алдында мындай деди:
– Жар дүйнөдө көргөн жалгыз балам эле, ал сага аманат! Маа топурак өз эл, өз жерден буюрсун. Карып калган кезимде кудай элден ажыратпасын. Неберемди энеңдин этегине салып бер балам, жыттап жүрөйүн…
Оймокчон эмчектеги баласын кайненесине карматып, көз жашын элден жашырып сыкты.
– Мобу түйүнчөктү катып кой, – деп тапшырды кайнатасы акыркы жолу – кокус ары бурулуп кетсе, сууга эзип оозуна тамыз. Айыгып мал болучу болсо, колуна бер. Сүрдүккөн кыргыздар жөө-жалаң мекенине сапар чегишти. Өңү көгүлтүр тартып, эрди кеберсип, чыңалып онтогон Келгинбай жан күйөөрү жалгыз Оймокчондун колунда калды. Оймокчон жанын сабап, сыркоолу күйөөсүн тегеренди… Койгулт көзүнөн жаш мөлтүлдөп, күйөөсүнүн башын кучактап, далай түндөр уктабады. Алектүү күндөр өтө берди… Чачы жылма түшүп, жаак эти шылына баштаганда Келгинбай эсин жыйды. Күнүнө бир чайдоос кайнаган суу ичип, тамыры ташына тепкен ичке манжаларын карай коюп, төшөктө узак жатып калды. Оорунун зардабы абдан арылып тамакка зооку соккончо эки ай өттү. Ал абдан айыгып, элине кетмекчи болгондо өтө кеч калган эле. Чек ара бекиди. Келгинбай мыйзамга баш ийди да ушул суу айрыгына төрт тамдын башын куруп, аргасыз узак жылдар жашап калды. Ортодон отуз жылга жакын убакыт өтүп, Келгинбай абышка атанган кезде анын башына арылгыс оор кайгы түштү. Гоминдандык желдеттер бийлеп турган оор жылдары калың журтка келте оорусу тарады. Өлүм-житим көп болду. Уезддик шаардын тегерегиндеки дөбөлөр калың мүрзөгө айланды. Өлүм күчөгөн сайын, замбилге салынган өлүктү эки киши көтөрүп чыгып, туш келди жер казып көмө башташты. Кепиндик ак табылбай жууркандын шейшебин иштетишти, элде шейшеп аттуу жоголгон соң, кээ бирөөлөр камыштан токулган бөйрөгө ороп, кээ бирлери жаш бедеге ороп көмө турган болушту. Бул апаат динге да таасирин тийгизди. Назир-чырак, көңүл айтуулар мүлдө унутулду. Дал ушул оор алаамат Келгинбай чалдын кемпири Оймокчонду жалмап жолго түштү. Шордуу чал кемпирин шейшебине ороп көмдү. Көр казып жан баккан киши менен чалдын кошунасы жана өзү болуп Оймокчондун сөөгүн үч эле киши койду. Кемпирин көөмп, топурагын чочойтумуш болгондон кийин ал мүрзө башында күңгүрөнүп узак отурду. Кырк жылга жуук жашаган жары менен түбөлүккө коштошуу оңойбу? Жан шеригинин бүткүл жоруктары чалдын көз алдынан биринен сала бири өтүп жатты. Чындыгында ал жалгыз кемпири менен гана эмес, турмуштун жылуу койну менен да коштошуп жаткан эле. Кайраттуу чал топурак башынан турган соң этек-жеңин кагып, чолок жашын алаканы менен аарчыды да үйүн көздөй басты. Чал кайра келген соң үйдүн төрт бурчуна көз таштады. А дегенде эле анын көзү казыкта илинип турган кемпиринин көк мата көйнөгүнө түштү. «Оо, жараткан! Жалганда мендей шордуу бар бекен?! Элди жутуп жаткан келте менден несине тартынды экен!» деп ойлоду чал. Ушул суук көрүнгөн үйдө эми өзүнөн башка эч ким жок экенин эсине келтиргенде байкуш чал боздоп коё берди:
– Оо, кудурет, тарт аманатыңды! Эми кор кыла көрбө! – чал көзүнүн жашын сакалынан куюлтуп ээн үйдө узак ыйлады. Ботосу өлгөн каймал гана ушундай боздомок. Эгер кишилерде үмүт деген нерсе жок болсо, анда бойго эч кандай кайрат бүтмөк эмес. Өмүр өзүнүн канчалык кайгы-касиретин берип койсо да үмүт менен убакыт алдында алар ар качан дармансыз. Келгинбай чал өзөгүн өрттөгөн дартты көз жашы менен жууп кетиргенсиди. Аздап бою сергип, эс токтотуп өзүн-өзү жубатты. Өзүнө-өзү көңүл айтып, кайрат берди. Ар кандай бактысыз кишилер да өзүнүн тиричилиги жөнүндө ойлонбой койбойт эмеспи. Келгинбай чал да болумсуз оокатына көз кырын салды. Үй ичиндеки чачылган бирдемкелерди жыйнап, эски куржунга шыкап таштады. Анан дагы бирдемелерди иштемиш болду. Үй ичин жыйнаган соң жаман талпагына жайланып олтурду да, чөнтөгүнөн кичине түйүнчөк алып чыгып, чебердеп чече баштады. Түйүнчөк ичинде бармактай туз бар эле. Келгинбай тузду алаканына салып, бир нече ирет тилин тийгизип, өтө бир шербеттүү даам таткандай туздуу шилекейин кумарлана жутту. Эчен кыйын кыстоо көргөн учурларда ушул бармактай тузду жалап медет таап, кам көңүлүн жооткото алган да. Өз жеринин бир татым тузу Келгинбай чалдын өмүрлүк колдоочусу, үмүт менен ишеним берүүчүсү, сагынуу менен кусадарлыктын таркатуучусу болуп калган…
* * *
Ата конушка кайта албай, чет жерде аргасыз жалгыз түтүн калгандан кийин Оймокчон бар болгону бир кыз, эки эркек төрөдү. Анын экөө жерге көмүлдү да тагдыр касиреттүү чалга эрмек болсун деп бирин тирүү койду. Баланын аты Эшбол эле. Ал уезддик шаардан окуп жүрүп мугалим болгон соң, башталгыч мектепте иштей баштады. Бирок, үчүнчү жылы эле Гоминдандык полиция жагынан кармалып түрмөгө отурду. Ошондогу анын кылмышы: өзүнүн ата мекени жөнүндө балдарга эки жолу, өз түшүнүгүнчө аңгемелеп берген – «Совет жеринде силердей балдар жайкы дем алышта Кырым деген жерге барып ойнойт. Моюндарына кызыл жагоо байлашат» деген. Бу дагы жаш мугалимдин журналдан гана көргөн сүрөтүнүн түшүнүгү эле. Гоминдандык тыңчылар ошол кезде так эле ошондой сөздөрдү айткан кишилерди издеп, ал жөнүндө маалымат жеткирип, ал кесипти күн көрүүнүн айласы кылып алган. Эшбол совет эли жөнүндөгү ошол «лекциясынан» кийин бешинчи күнү түн ичинде куралдуу желдеттер жагынан ойготулду. Ал кезде майда элдердин эң жетилгени эле мугалим болучу. Бирок, ошол кызматтын өзүн Гоминдандык кытайлар иштей албаганы үчүн гана өз улутунан коюучу. «Малыңарды багып, эгиниңерди салып жата бергиле. Мектептин силерге кереги эмне? Адамдар агартуусуз деле өмүр сүрүп келишкен!» деген үгүттөр ачыктан-ачык айтылуучу. Мугалимдер үчүн кадам сайын курулуу капкан бар эле да, чанда бирөө болбосо көп мугалим ага түшүп турган. Алардын ордуна тажрыйбасыз, билимсиз кишилерден же молдо, сопулардан коюучу. Гоминданчылар беттерине кармаган эл агартуунун иштерин ушундайча тескериленткен эле. Түн ичинде мугалимдин үйүн көздөй куралдуу желдеттер басты дегиче, ал шору каткан мугалим изсиз жоголуп да тынуучу.
Гоминдандык желдеттер кирип келгенде Келгинбай чал баласынан тирүү айрылаар сааты түшкөнүн сезип, аны окутканы үчүн өзүнө наалат айтып, төшөгүндө үнсүз отурду. Желдеттер машкедей шимшип, үйдөкү кагаз бүткөндүн баарын чогултуп алышты. Анан буйрук бере баштады:
– Тур, кийин!
Офицер бул эки сөзгө канык эле, Эшбол шаша койбоду. Жайбаракат кийинди. Ал өз мугалимдеринин артынан «барса келбеске» кетип бара жатканын тымызын сезген болуучу. Ал: «Мен эми жарык дүйнө менен коштошуу үчүн, азыркы сааттан баштап ата-энемди кайрылып мүлдө көрө албас жерге баруу үчүн даярданып жатам!» деп ойлоду. Кантсе да ал киймин кийип болуп, эшикти көздөй басты. Төшөктөн башын чыгарып өлүктөй сулк жаткан шордуу Оймокчон бакырып ыйлап жиберди.
– Эшен! – деди Келгинбай чал шашып, ал баласын ушундай атап эркелетүүчү. – Коё тур!
Жанатан жүрөксүп турган байкуш эне чалдын үнүн медет кылып, чыңырып жиберди да чуркап жетип, Эшболдун мойнуна тарамыш колдорун ороп калды. Үйдүн ичи эми киши туруп болгусуз зар менен муңга толуп кетти. Кайраттуу чал ары карап көз жашын аарчыды. Эшбол да кайраттуу, нары эстүү жигит эле. Кандай учурда эмне кыларын жакшы билүүчү.
– Кагылайын, энеке, ыйлаба, жаным аман болсо кайра келем, – деп энесинин көз жашы менен жуулган бетинен чопулдатып өбө баштады. Курган эненин ого бетер мууну бошоду.
– Кой, муун-жүүнү бош кудай урган десе, амандыгын тиле анын. Келе, жаңкы түйүнчөгүң кана? Туздан улук эч нерсе жок. Туз-даам буйруп кайра келгиси бардыр, – Келгинбай чал сакалынан ылдый жаш куюлтту да сүйлөнүп коё берди. Бирок, түйүнчөгүн купуя жеринен өзү туруп барып алды.
– Эшен, – деди чал колу калтырап, – мына бул туздан бир кемирип алып, татып жүрчү. Ата-бабабыздын мууну ушул туз менен каткан. Өз жериңдин тузу!
Ушул сөздөр оозунан чыккандан кийин чалдын өз көңүлү да ток боло түштү. Чыны менен эле касиеттүү туз Эшболду кайда жүрсө да колдоп, кайра алып келчүдөй сезилди. Эшбол ажырашар алдында атасынын эски ишениминен аттап кеткиси келбеди. Тузду колуна алган соң четинен бир кетип алып, оозунда калган күбүнчүгүн тилине салды да жутуп койду. Шордуу эненин колу алиде Эшболдун мойнунда болучу, ал ыйлап турган энесин өзүнөн алыстатып, жашын алаканы менен аарчыды да Гоминданчылардын алдына түштү. Бутун зордоп шилтеп босогодон аттады. Үй ичиндеги боздогон үндөр кыйлага угулуп турду. Ошондон бир жыл өтүп эле уезддик жер көлөмү менен жугумтал келте дартына кирептер болду. Мына эми курган Келгинбай боорукер кемпири Оймокчонду келте дартына берип салып, аңгыраган үйүндө жалгыз өзү калды. Чал кемпирди көмүшкөн уйгур кошунасынын үйгө киргенин да сезбестен ойлонуп отурган. Кошунасы да өзү өңдүү карасакал мээримдүү киши эле.
– Элхукми лилла! – деди кошунасы чөк түшүп отура калып. – Кайрат кыл, Келгинбай. Кордукта кордук мал жокчулугунда эмес, баш жокчулугунда көрүнөт. Кудай Эшболуңду көрүүгө насип кылгай. Колдо өскөн бала эле, аман болсо, кырсыктан тышкары болсо, күндөрдүн биринде шап этип кирип келээр. Кайрат кыл да суунду кайнатып ичип, белиңди бекем бууп, жалгызыңдын амандыгын тилеп жүрө бер. Кир-когуң болсо биздин бала-чакага чайкатып аларсың. Өлгөндүн артынан өлмөк жок. Ырыскың көтөрүлсө элиңе барып да кошуларсың. Келгинбай чал ичи толгон кайгы менен ушул сөздөрдү угуп отура берди.
Бактысыздыктын да өзүнчө чеги бар. Кезеги келгенде ал да өз эрки менен бакытка ордун бошотуп бермек. Өмүрдүн бир сыры ушундай. Келгинбайдын кемпири өлгөндөн кийинки жылы эле кырдаал таң калгандай өзгөрүп кетти. Ыза менен кеги жеткен аз улут калкы улуттук эзүүгө каршы көтөрүлө баштады. Гоминданчылар сепил согуп ийинге кирген жыландай бекиништи. Бирок, тарыхта калктын күчүн эч качан да коргон тосуп калган эмес да. Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары күрөшкө аттанды! Айры, чокмор көтөргөн калк тобу жаңыча куралданган Гоминдан армиясын тороп айласын кетирди. Калык кошундары душмандын курал жабдыгына ээ болуп жеңиштүү илгериледи. Боштондук кыймылы тез кулач жайганы айга жетпей, Иле аймагы толугу менен элдик кошундун колуна өттү. Улуттук армия курулуп Алтай, Тарбагатай аймактарындакы эзилип жаткан боордош калкты боштондукка чыгаруу үчүн жортуулга аттанды. Бул дүйнө жүзүндө фашизм очогу талкаланган даңктуу кырк бешинчи жылынын башы эле. Келгинбай чалдын кийинки өмүрү өзү жалгыз жашаса да өтө тез өтүп жаткансыды. Кайгы-капасынан аздап арыла баштады. Анын жүрөгүндөкү катып калган черлер гоминданчылар менен кошо кеткендей. Ушундай жакшы күндөрдүн биринде Келгинбай абышка өтө бир кубанычка бөлөндү. Күн шашке маал болуучу. Аскер формасын кийген бир бейтааныш жигит үйгө шып кирип келди.
– Келгинбай абышканын үйү ушубу?
– Ооба, айланайын, – деп байкуш чал ордунан тура калды. Анын үйүн
кийинки жылдары эч ким мындай сурамжылап келген эмес. – Карылык
курусун, кайсы бала элең, балам?
– Жапаров болом.
– Баса, кыргызсыз го…
Келген жигит төш чөнтөгүнөн бир сүрөт сууруп чыгып чалга сунду:
– Тааныбайсызбы?
Шордуу чал сүрөттү көрө коюп өкүрүп ыйлап жиберди. Ал Эшболдун сүрөтү болучу. Эсинен адашкан абышка сүрөттү карап алып, жаш баладай башын көтөрүп ыйлай баштады.
– Ыйлабаңыз аке, майор Келгинбаев Эшбол азыр комиссар. Гоминданчылардын сазайын берип жүрөт. Майдандан бери жүрөрдө ушул сүрөтүн берип салам айткан эле. Атам тирүү болсо, сүрөтүмдү ошол кишиге тапшыр. Эгер жок болсо, энем бардыр ошол кишиге тапшыр» деп табыштаган, – деди Жапаров. Абышканын алжый баштаганына байланыштуу, баласына деген сагынычы башын туман чалган аскадай далдааланган эле, азыр болсо бир керемет жел чыгып, туманды түрдү да чалдын жүрөгүндөгү сагынычты айдан ачык көрсөтө баштады. Мурда үмүтсүз эле, азыр үмүт менен ишенимди колуна катар түшүрүп, бул сезимди шордуу чал кетире алгыс даражага жетти.
– Аксакал, – деди жигит жайлап, – кана, көп алагды болбоңуз.
Балаңыздын тирүү экенине кубаныңыз. Мен дагы Эшбол өңдүү гоминданчылар жагынан кармалгандардын биримин. Ичинде Эшбол бар он чакты күнөөкөрдү бутуна кишен, колуна козу салып айдап бара жатканда үч черикти өлтүрүп, кишендерди чагып тоого качып кеткенбиз. Кийин барып көтөрүлүшчүлөргө кошулдук. Ошентип, эми гоминданчылардан өч алып жүрөбүз. Биздин жагдай ушул. Кош болуңуз! Келгинбай чал шашкан бойдон Жапаровду шап колдон кармай алды:
– Оозуңан айланайын, туз даам ооз тийип кет. Кайра айланып келээриңе жакшы.
Мууну калчылдаган абышка жегидей бирдеме караштыра жүрүп суроо бере баштады:
– Эшен бир келип кетпейт бекен?
– Азырынча келе албайт.
– Урууң кайсы балам? И, биздин көлдүк турбайсыңбы.
– Эшен менин тирүүмдө бир келип көрүнүп коюп кетсин, – деп жатып жигитке токоч ооз тийгизди. Бирок, баласынын көөнүн улап, кемпири жөнүндө ооз ачпады. «Ата-энең аман-соо экен дегин жалгызыма…» Анан жоокерди узата чыкты.
«Оо, касиеттүү жеримдин тузу, Эшенимди колдоп тирүү сактаган тура! Өлгөнүм тирилип, өчкөнүм жанганы чын болсо экен! Оо, касиеттүү жеримдин тузу, эми жалгызымдын өз элине аман-эсен кошо гөр», деп байкуш абышка жалгыз үйдө курун мойнуна чалып, эки колу менен жакасын муунта кармап, узак күңгүрөндү…
Ордунан тургандан кийин, кайгысына орток боло жүргөн кошунасын мындай кубанычтан куру калтыргысы келбей, Келгинбай уйгур чалдын үйүн көздөй басты.
* * *
Айлар өтүп жатты.
Жемек-ичмек, кийим-кечекке кенеле түшкөн эл жаңырууда. Нөшөрлүү кара булуттай каптаган караңгылык сөгүлдү. Боштондук менен коюндашкан калың букара колдоруна курал алып майданды көздөй агылды. Боштондук үчүн эр азамат майданда канын төктү. Гоминданчылар бекем орногон Жынхы деген жерде эсепсиз кан төгүлдү. Улуттук армия калктын боштондугу үчүн бир адым чегинбестен илгериледи. Акыры үрүмчүнүн чоң дарбазасы ачылып, Жынхы Гоминданчылардан тазаланды. Мына ушул чоң кыргында биздин Эшбол да курман болду. Эл боштондугу үчүн күрөшүп, боштондук чек арасын Жынхыга чейин жеткизишти да өзү ошол жерде түбөлүк кароолдо калып койду. Эшболду бүткүл батальон узатып, көмдү. Ондогон мылтыктан ок атып, комиссарга катуу кайгыргандык билдиришти. Шордуу чал баласы жөнүндөгү шум кабарды укканда эсинен танып, кулап түштү. Кошунасы суу бүркүп эсине келтиргенде, адам көргүс түргө кирип, алдастап ордунан тура калды.
– Жалгызым, кулунум! – Чаңырып жиберип кайра кулады чал. Жанында тургандар көз жашын булап, шору арылбаган пенденин касиретине орток болду. Узак жылдар кайгы менен кападан кажыбаган абышка бир күн ичинде эле алжып чыга келди. Буурул чачы агарып, жаак эти соолуп, мурдакыдан бетер төшөктө томолонуп калды. Багаар, көрөрүнөн айрылып, кайгы баскан кары кишинин көргөн күнү курусун! Эртеси уйгур кошунасы мусапыр чалды өз үйүнө киргизип алып, тамдын оң жак капшытынан орун берди. Көрөөрү бүтүп, көмөөрү калган абышканын тиричилигине боору оорубаган киши калган жок. Келгинбай бирде соо болсо, бирде алжып сүйлөдү. Бирок, татым туз түйүлгөн түйүнчөгүн колунан түшүргөн жок.
– Кечээ, Эшеним келип бүгүн муунум кирип калыптыр. Элге кетет окшойбуз. «Ата, жүр эми элге кетели, кайгы менен кападан кутулалы.
Тузуңду эми бөлүп жеп коёлу», деп Эшеним жаныма келип айтпадыбы, садага кетейиним, – деп сүйлөдү чал.
Кээде жөөлүгөн сөздөргө аралаш өзүнүн өмүр жөнүндөгү корутундуларын да кадимкидей айтып отурду:– Менин чоң арманым эле – Эшенди колунан жетелеп барып, эли-журтуна кошорум болучу. Эми, өзүмдүн киндик каным төгүлүп, кирим жуулган жериме баратам, – деп жалдырай калат да колундакы тузду көрсөтөт. – Мына бу, Ысык-Көлдүн – мен туулган жердин тузу. Оо, кагылайын, уйгур туугандар, Эшеним экөөбүздү узатып койгула. Бизди өз жерибиздин тузу тартып баратат. Эчен жолу ач калганымда ушуну жалап тоюнгам, эчен жолку оор күндөрдө жаныма алып жүрүп, көңүлүмө төтөп, боюма кайрат тапкам. Ушул туз жанымда жүргөндө эли-журтумдун, бир туугандарымдын жанында жүргөндөй болом. Мен жеримди сагынып, куса болгонумда ушул туздан жалап алып сагынычымды таркаткам. Маа дүйнөдө мындан кымбат нерсе болгон эмес. Элден, жерден ажырап ага куса болуудан артык азап жок! Мен чабармандын камчысын жедим. Байлардын зордугун, жокчулуктун кордугун көрдүм, ошондо өлүп каламбы деп коркподум, өз жеримди көрбөй каламбы деп корктум! Мен көргөн кордугума ызаланбадым, элден, жерден адашып калганыма ызаландым! Оо, туугандар, узатып койгулачы. Өз жеримдин тузу тартып, ата конушубузга алып баратат…
Ушинтип Келгинбай кирпик какпады, даам татпады. Арадан үч күн өтпөй эле чалда куру гана сөөк калды.
Бир күнү, эртең менен Келгинбай төшөгүндө жансыз жатканы билинди. Узак жылдары кайгы менен касирет, сагынуу менен кусалык мүлжүп бүткөн мусапыр чал азаптуу өмүрү менен түбөлүккө кош айтты. Кармаган соопкерлердин айтымына караганда чалдын оозунда өз жеринин татым тузу бар экен!