Жаңылыктар Жарыялар

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алынат

Кыргыз Республикасынын  Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы жөнүндө

ЖОБО

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы акыркы эки жыл аралыгында жарыяланган төмөнкүдөй жаңы, мыкты чыгармаларга ыйгарылат:
поэзия жанрында улуттук адабиятты жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым кошкон китептерге;
поэтикалык котормого;
акындын чыгармачылыгын коомчулукка жеткирүүдө Алыкул изилдөөчүлөрдүн китеп болуп жарыяланган өзгөчө демилгелүү эмгектерине.

2. Аталган адабий сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, мекеме-ишканалар, коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакция жамааттары, китеп басмалары, окуу жайлары укуктуу.

3. Мурун ар кандай сыйлыктарды алган жана эски эмгектер кабыл алынбайт.
4. Сынакка келип түшкөн китептер кайра кайтарылбайт.
5. Авторлордун жаш курагы чектелбейт.
6. Сыйлык алган авторлорго “Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты” деген диплом, төш белгиси жана атайын сертификаты менен акчалай сыйлыгы тапшырылат.

7. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык 12-декабрь адабият күнүндө өтөт.
8. Сунуштарды төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.

Бишкек шаары,Эркиндик бул. 54, КР Улуттук жазуучулар союзу,
Байланыш үчүн телефондор: 0312 623924,  0554 949020 (Ырысгүл)

About the author

Жазуучулар Союзу