Жаңылыктар Жарыялар

“Алтын калем” адабий сыйлыгына чыгармалар кабыл алынат

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун

“Алтын калем” адабий сыйлыгы жөнүндө

ЖАЛПЫ ЖОБО

Бул жобо калемгерлердин “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Кароо сынак “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүлөт.

Конкурстун уюштуруучулары:

1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу

1. Конкурстун уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
Сынакты өткөрүүгө документтерди даярдоо;
калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүүадабият жана искусство ишмерлеринен турганкомпетенттүү Сынак комиссиясын түзүү;
Сынактык иш-чараларды өткөрүү;
жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү;
Сынакты жана анын жыйынтыгын жалпыгамаалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу.
2. Конкурстун максаттары:
кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, баажеткис байлыгын, океандай тереңдигиндаңазалоо;
кыргыз тилинде чыгарма жаратканакын-жазуучулардын мыкты чыгармаларынаныктоо;
калемгерлердин талантын ачууга жана адабийжөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

3. Сынактын этаптары жана мөөнөттөрү:

Сынактык чыгармалар жарыяланган күндөнтартып ар жылдын 10-июлдан 15-сентябрына чейинкабыл алынат.

Сынактык чыгармаларды окуп чыгуу жанабаалоо 15сентябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Жыйынтык 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө чыгарылат.

3. Сынакка катышуунун шарттары:

Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандарытарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармаларкабыл алынат.

Сынакка катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Бирок мамлекеттик Токтогул сыйлыгына ээ болгон акын-жазуучулар сынакка катыша алышпайт.

Сынак жыл сайын өткөрүлгөндүктөн бир жылдын (2025-жыл) ичинде жазылган жаңы чыгарма болушу шарт.

Көзү өткөн авторлордун эмгеги сунушталбайт.

Сынакка катышуу үчүн авторлор сынактык иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларынкабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырышы керек.

4. Конкурстук арыздардын берилиши:

Электрондук почта аркылууjazuuchular@gmail.com адресинеКонкурскадегенбелги менен;

Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт.

дареги: Эркиндик бульвары 54

Сурап билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24, 0554949020 (Ырысгүл Изатова)

Сынакка катышуу үчүн автор жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды көрсөтүү жана жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү менен анкетаны толтуруу керек (форма тиркелет).Катышуучу сынакка катышуу үчүн арыз берет. Арызга 2 файл тиркелет:

сынактык адабий чыгарма (поэзия, проза, драма, балдар адабияты, адабий сын, котормо,орус тилинде жазылган чыгармалар)
катышуучунун сүрөтү.
Паспортунун копиясы
Бардык жиберилген файлдардын аталышыкатышуучунун аты-жөнүнөн, андан кийинфайлдын мазмунуна ылайык башталуугатийиш: арыз, (поэзия, проза, драма, балдар адабияты, адабий сын, котормо, орус тилинде жазылган чыгармалар) өмүр баяны, сүрөт, паспорттун копиясы.

Плагиаттык, ачык айтылган уят сөздөрдүкамтыган, ошондой эле улуттар жана диндераралык араздашууну козуткан жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына каршы келгенчыгармалар конкурска кабыл алынбайт.

Уюштуруучу конкурска жиберилген бардыкчыгармаларды жарым-жартылай же толугу мененжалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттегивеб-сайттарга жана социалдык тармактарга сыйакы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдалануугаукуктуу.

Конкурстун катышуучулары конкурскачыгармаларды берүү менен, Уюштуруучулартарабынан жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, колдонууга, иштетүүгө жана жайылтуугаавтоматтык түрдө макулдук беришет.

Чыгарманы конкурска жиберген адам авторлугуаныктыгына жооп берет. Конкурстун материалдарыкайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Уюштуруучу конкурска жиберилгенчыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт(эгер почта аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлгөнболсо), авторлор менен талкууга кирбейт.

Уюштуруучу конкурстун шарттарына жоопбербеген чыгармаларды эсепке албайт.

5. Конкурстук чыгармаларды каттоогокоюлган талаптар:
Поэзия

ырлар жана поэмалардын тематикасыначектөө коюлбайт, көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.

Проза
аңгеме, повесть, романдын тематикасына чектөө коюлбайт, көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
Адабий сын
Тематикалык чектөө коюлбаган бүгүнкү күндөгү адабий процесстин өсүп-өнүгүү, өксүк маселелерин так-таамай чагылдырган адабий эмгектер, ошондой эле авторлордун чыгармаларына жазылган адабий сындардын тематикасына чектөө коюлбайт, көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
Драма
пьеса, драма,  тематикасына чектөө коюлбайт.Көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
Котормо
көркөм-адабий котормолор, тематикасына чектөө коюлбайт. Көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
Балдар адабияты
Балдар ырлары, жомоктор, тематикасына чектөө коюлбайт. Көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
Орус тилинде жазылган чыгармалар
Орус тилинде жазылган поэзия, проза, драма, тематикасына чектөө коюлбайт. Көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
Сынакка берилген чыгармалар мурда китеп болуп чыкпаганы шарт.

6. Сынакка сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:
текстик редактор WORD, шрифт Times NewRoman, 14 кегль, интервалы 1,5.
Электрондук форматта жиберилген арыздартөмөндөгү эки форматтын биринде болуугатийиш: WORD же PDF.

Сынактын катышуучуларынын чыгармаларынбаалоонун этаптары

Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүнУюштуруучу топ 5 (беш) адамдан турган, аныничинде 3 (адам) мүчө жана 1 (бир) адам төрага, 1 (бир) адам катчылык кылган комиссия түзөт.

Сынакка комиссия ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана сынакка түшкөн иштердибаалайт, ошондой эле сынактын жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын аныктайт.

Сынактык чыгармалар сынактынуюштуруучулары тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.

Сынактын комиссиясынын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.

       Сынакты баалоо 10 баллдык система боюнчажүргүзүлөт.

Калыстар тобунун чечими менен эң жогоркусуммардык балл алган сынактын катышуучулары лауреат болушат.

Жыйынтыктоочу суммардык балл сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт. Уюштуруучу, Төрага жанакомиссиянын мүчөлөрү сынактын жыйынтыктоочу протоколун түзөт.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы комиссия мүчөлөрү тарабынан сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине чейин ачыкка чыгарылбайт.

7. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо

Сынактын жыйынтыгын жарыялоо жанажеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жыл сайын 12-декабрда Улуттук адабият күнүндө өткөрүлөт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча лауреаттар сыйланат.

About the author

Жазуучулар Союзу