Бүгүн, 2025-жылдын 22-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасы менен КР Улуттук жазуучулар союзу уюштурган “Алп акындын ажайып ааламы” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өтүүдө. Мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касмамбетов, Төрага Каныбек Иманалиев, КР эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков, КР эл акындары Кожогелди Култегин, Тынчтыкбек Нурманбетов, Өмүрбек Тиллебаев, публицист Эсенбай Нурушев, коомдук ишмерлер Ормошбек Чоюнбаев, Кубат Болотканов, Жылдызбек Абдраимов, профессорлор Назаркул Ишекеев, Курманбек Абакиров, Садык Алахан, маначы Азиз Биймырза уулу баштаган окумуштуулардын жоон тобу катышууда.
Илимий-тажрыйбалык конференция КР эл акыны Анатай Өмүркановдун 80 жылдык маарекесине карата уюштурулду. Алдыда маарекеге карата дагы да иш-чаралар болмокчу.