Жаңылыктар

Акын Жыпар Акунова дүйнөдөн кайтты

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Жыпар Акунова дүйнөдөн кайтты. Акын Жыпар Акунова 1958-жылы 17-июнда Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-март айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы улуттук университеттин) филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчылыктан баштап, бир катар облустук жана республикалык басылмаларда эмгектенген. Ошону менен катар “Мектеп” басмасынын көркөм редакциясында кенже редактор, Ош облусунун губернаторунун жана Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы болгон.
КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
“Шок жылдыз” (1985), “ Дил чырак” (1994), “Каректе калган жаз” (2009), “Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…” (2019) ыр жыйнактарынын автору.
Акын Жыпар Акунованын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
КРУЖС Башкармалыгы

About the author

Жазуучулар Союзу