Жаңылыктар

Акын, жазуучу, киносценарист Маматибраим Самиев каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КРнын Ички иштер министрлигинин ардагери, отставкадагы полковниги, акын жана жазуучу Маматибраим Самиев 13-декабрда оорудан улам 67 жаш курагында каза болду.

“Чыгаан коомдук ишмер, көп кырдуу талант ээси Маматибраим Самиев 1953-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

1983-жылдан тарта ички иштер органдары тармагында эмгектенип, катардагы милиция кызматкеринен подполковник наамына чейин жеткен.

2006-жылы Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.

Ал техника илимдеринин кандидаты, Ош технологиялык университетинин курулуш кафедрасынын доценти жана Улуттук илимдер академиясынын жаратылыш байлыктары институтунун улук илимий кызматкери болгон.

Ошондой эле Манас изилдөөчү, бир канча тарбиялык, тарыхый, көркөм, поэтикалык жана илимий чыгармалардын автору болуп, “Маданияттын мыктысы” төш белгисин алган. “Манас” эпосун изилдөөдөгү салымы үчүн Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Маматибраим Самиев милиция кызматкерлеринин опурталдуу, ошону менен эле бирге сыймыктуу болгон кесибине байланышкан “Агентурист” ж.б. көркөм кинофильмдердин сценарийин жазган.

Үзүрлүү эмгеги үчүн ИИМдин медалдары жана Улуттук илимдер академиясынын, журналисттер союзу менен жазуучулар союзунун ардак грамоталары менен сыйланган.

Мындан сырткары ага Эл аралык “Мустафа Кемал Ататүрк” коомдук фонду тарабынан “ХХI кылымдын мыкты коомдук жана саясий ишмери” алтын медалы ыйгарылган.

Маркум дээрлик бүт өмүрүн ИИМге жана адабиятка арнады.

Акын, жазуучу жана киносценарист Маматибраим Самиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы

About the author

Жазуучулар Союзу