Проза

Айжана Убайдиллаева, Жарака:

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит  Матисаковдун 70 жылдыкмааракесине карата жаш калемгерлер үчүнуюштурулуп жаткан  республикалык сынакта 1-орунду алган жеңүүчү


(
аңгеме)

    Экөөбүз курган үйдүн алдында турам. Үйгөкиргим келбейт. Кирсем эле үйдүн ар бир бурчу силерди эстетет. Көзүмдү жумсам, ушул үйдө чуркап, каткырып кубалашкан кызым менен уулумдунүндөрү угулат. Сен адатыңча этегиңди тагып, жоолугуңду кыйшайтып, ашканада тамак жасапжаткан болосуң. Мен иштен келип киргенде, балдарым чуркап чыгып, колумдагы таттуулардыалып, а сен ашканадан баш багып жылмайып, кээдетаарынып караганың көз алдыма келет.

Ушул үйүбүз толук бүтө электе эле шашып көчүпкелип албадык беле. Кум шыбак кара дубал үйүбүзкөзүбүзгө хан сарайдай көрүнүп, кобурашып өзтиричилигибизди баштаганбыз. Эми мынтипзаңгыраган үй турат, мен турам. Силер ганажоксуңар.

Эх-х, колдогу алтынымдын баркын билбептирмин

                         

                                  * * *

      Ошол күнү адаттагыдай иштен чыгып, ата-энемдин үйүнө келдим.

Апам бакчада чөп жулуп жатыптыр.

Мени көрөрү менен:

Кел, балам, ишиң бүттүбү?, –деп колундагыжулунган чөптөрдү жөөктүн ылдыйына ыргытты да, мени көздөй басты.

Келдим, апа. Күндө чалып, жанды койбойжатсаңыздар, келем да…

Жүр, үйгө кир, сөз бар. Апам кабагын түйүп, үйгөкирип кетти.

Чайга отурганда сөз башталды.

– Мен шордууга жакшы келин буюрбаптыр. Ай, чырактай уулдарымдын пешенесине эшек тээптир, – деди ал  кыпкызыл демделген чайды бир ууртап.

Мен үнсүз гана алдымдагы чайды ичип, апамды угупотурдум.

Элдин келиндерин көрсөң, көзүң күйөт. Үйүнөбарсаң, агы ак, көгү көк бойдон. Жаман эрлеринээрчитип жүрүп, элге кошуп чекчейип тиричиликтикылып жүрүшөт. Менин келиндерим эле же балдарын эптей албайт, же кабагы ачылбайт, же кызмат кылып жарытпайт. Ушулар эле тууп, бала чоңойтуп жаткансып жүдөшөт, –деп кагынып-силкинип баштаганда, сөздүн төркүнүн түшүнөбаштадым: “Ажырашдейт да дагы

Турмушун эптей албаса, түйүнчөгүн көтөрүпжоголсун! Андай келиндин барынан жогу! Ар кимдин эшигин каккылап, дубана болуп калсам дагысага жапжаш, супсулуу, момундай (бармагынкөрсөтүп) кыз алып берем, –деп  кумсаңдады.

Эмне дейм? Бары бир укпайт апам, өзүнүкүнбербейт.

Апа, мен барайын үйгө, балдарды бакчаданалышым керек.

Бата кылып сыртка чыгып, бут кийимимди кийипжатсам, апам артыман чыкты.

– Кече жолдо кайненеңди көрдүм. Учурашпай, тетирикарап өтүп кетти. “Келинге дарт төркүндөн тиет” –депбекеринен айтылган эмес да!.  Мен ага эмне кылдым? Кызын өлтүрүп койдумбу же?! Мен жаман болсом, мен төрөгөн бала жаман болсо, эмне жашатып жүрөткызын, алып кетпейби!..

Сөздүн төркүнүн түшүндүм. Эки кудагыйдынортосунан дагы кара мышык өткөн тура. Унчукпадым, сөздү көбөйткүм келбеди.

 – Макул, апа, жакшы отуруңуздар, – деп жолго чыгыпкеттим.

Ата-энеме каршы сөз айтуу оюма дагы келбейт. Жаман дегенге да оозум барбайт. Өздөрү ичпейичирип, өздөрү кийбей кийинтип чоңойтушту. Мен үйлөнгөндө ак жоолугун башына салып, алтын сөйкөсүн кулагына тагып, келинчегимди маңдайыжарылып сүйүнүп тосуп алган. Бирок, эчкачанөзүндөй көрүп, үйүнө батыра алган жок. Айдай бирбаш көтөрбөй, бир сөз сүйлөбөй беш жыл ушулүйдүн оту менен кирип, күлү менен чыкты. Кантейин, бир жакта мени төрөп өстүргөн ата-энем, бир жакта Кудай кошкон жубайым. Эки оттунортосунда калдым.

Балдарды бакчадан алып, үйгө келсем, үй жабыкэкен. Дароо чалдым.

Айдай, каяктасың?

 ‐ Апамдын үйүнө келдим эле, азыр барып калам.

 ‐ Эмнеге мага эскертип койбойсуң? Өзүң билипкалгансыңбы?!, –деп сүйлөнө баштаганымдателефонду өчүрүп койду.

Апамдын сөздөрүнөн кийин ачуум келип турган. Айдайдын апасынын үйүнө мага бир ооз айтпайкетип калганы өрткө май куйгандай болду. Ошолкүнү экөөбүз катуу уруштук. Мен ачуумду баса албай, кол көтөрүп да жибердим

                                  * * *

   Ошентип, күндөр өтүп жатты. Күндөн-күнгө ишимдагы начарлай түштү. Же үйдөн жок, же иштен жокчүнчүп кеттим. Турмуш сүйлөгөндө, пенде унчукпайкалат тура. Көрсө, Кудайдын берген оор сыноосунунбашталышында турган экем.

  Балдар чоңойгон сайын муктаждыктар дагы өсөтэкен. Күндөн-күнгө жашообуз татаалдаша берди. Бирим эки болбой, бир айлыгым бир айга жетпей, карызга бата баштаганда Москвага кетүүгө тууракелди.

Барар замат ишке кирдим. Жумушка баш-отум мененкиришип, кээде үй-бүлөмө чалганга чолом тийбейиштеп жаттым. Аялым кээде түшүнсө, кээдетаарынат. Жумуштан чыгып чарчап үйгө келгенмаалда, балдарым уктап калган убак болот. Телефонду кармап, балдарым WhatsAppтан сүйлөпжиберген сөздөрүн  угуп жатып уктап калам.

Ата, апама акча салчы, бассейн алабыздегенуулумдун,

Ата, мага принцесса көйнөк алып берчидегендеринуккан сайын жүрөгүм сыздап, сагынычым күчөйт. Алардын видео, сүрөттөрүн көрүп уктап кетемЭртеси кайра жумуш.

Бош убактымда  көбүрөөк үй-бүлөм мененсүйлөшөм.

  Бир күнү иште түшкү тыныгууда отурсам, кайненемден кат келди:

“Сага ишенип тапшырсам, кызымды кор кылдың. Кызымды, неберелеримди алып кеттим. Кызымжакпаса, башка өзүңөр каалаган келинди киргизипалгыла“.

Каттын аягына чыккыча жүрөгүм кабынан чыгадүкүлдөп, эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Дароо Айдайга чалдым, жооп бербеди. Ошондонкийин канча чалсам дагы колу телефонго жетпейкалды.

Көрсө ошол күнү апам үйгө келип, уруш чыгарып, Айдайгаүйдү бошотуп кой, балама башка аял алыпберем” деп айтып кетиптир

  Күчүмдү иштен чыгара баштадым. Мурун бир иштеиштесем, эми экинчисин кошуп алдым. Бошойкалсам ой басат. Акча тапканыма алаксып, күндөрүмөтүп жатты. Буулукканда досторум менен ичимдикичип, көңүл ачып, жасалма жол менен өзүмдүбактылуу сездирип жаттым. Бирок, баары биричимдеги сагыныч, балдарыма болгон кусалык коёбербеди. Күндүз тыным жок, түндө уйкум жок, жүдөп да  кеттим.

Акыры үч жыл дегенде Кыргызстанга келдим. Күткөнүмдөй эле кайненем кабыл алган жок. Менинкелгенимди Айдай терезеден карап туруп, кайра парданы тартып койду. Балдарыма деп алып келгенбелектерди да  албай, кайненем дарбазадан чыгарыпжиберди. Кийинки барганымда да дарбазасын ачпайкойду

Балдарымды издей баштадым. Күнүгө балдарымокуган мектепти акмалайм. Акыры уулумдунклассына тыныгуу маалында кирип бардым. Колумдабалама деген белегим бар. Кирип барсам  балдардынбаары мени таңыркап карап калышты.Арткы партадаменин көкүрөк күчүгүм, уулумду дароо тааныдым. Бою узарып, чачын кайрып сулуу жигит болупкалыптыр. Сагынганымдан ичим-уйгу туйгу, денемимайда калтырак басты.

– Балам, Атай кандайсың?, –деп жанына басыпбардым.

Балам мени көздөйатадеп чуркамак турсун, өзүотурган партанын астына кире качты да:

Мени апам урушат. Атаңа барба деген” – деп ыйлап, кыйкырып, эки тизесин кучактап, бетин бекитипотуруп алды. Баламын бул абалын көрүп, же жанынабасып барып кучактай албай, же чыгып кете албайөзүмдү коёрго жер таппай калдым.

Өз балама өзүм жат болуп калганыма ичим туз куйгандай ачышты.

                       

                                * * *

    Көчөдөн мектепти көрсөм эле, балдарым чыгыпкалчудай болуп жүрөгүм шуу дей түшөт. Бир кездеколдон түшүрбөй көкөлөткөн көкүрөк күчүктөрүмэми мени көргөндөн коркуп качып жатат. Ата үчүнмындан өткөн азап барбы?..

Биз чоңдор өзүбүз көтөрө албаган таштай оорсөздөрдү, таарынычты балдарыбыздын көпөлөктөйболгон жүрөгүнө көтөртүп коёт экенбиз го, Эх-х…

                               

                                   * * *

     Бир күнү адаттагыдай алыстан карап турсам, кызым мени байкап калды. Көздөрүбүз бетме-бет кадала түштү. Жылмайыңкы балбылдаган баёокаректеринин түпкүрүндө  таарыныч мененсагынычтын учкуну байкалып турду.

Ошол көз ирмемде убакыт жүрөктүн жаракасынжамап, жаратын таңып, көңүлдүн жарасын  айыктырааларына ынандым. Кызымын  карегиндеги жылтэткен жылуулук мендеги өчүп бара жаткан үмүттүнучкундарын жандырып, ичимде жаңы бир дем пайдаболгондой болду.

About the author

Жазуучулар Союзу