Жоголгон саат
(аңгеме)
Бишкектеги азыркы ГКНБнын имараты турган жерде мурда финансы-кредит техникуму болгон. Имараттын эскилиги жеткендиктен 1959-жылы Жаш Гвардия менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы үч кабат окуу жайы жана батыш жагында жатакананын имаратынын курулушу салынып жаткан. Пайдаланууга бериле турган болуп, бүтөөр кезде техникумдун жетекчилери биринчи курсту бүткөн студенттерди каникулга жибербей, кара жумуштарды жасатуу үчүн алып калышты.
Жаңы жаркыраган имаратта күзүндө биз биринчи болуп окуйбуз, -деп, кудуңдаган дүмбүл жаштар шатырап, кыйналдык-кысталдык дебестен кыздар терезелердин айнегин, эшиктерин, полун жууп-тазалап, уландар болсо курулуштун акыр-чикирлерин оор замбилдерге салып, сыртка ташып чыгарып жатышты.
Күндөрдүн биринде жумуш аяктаганда кыздар кийимдерин алмаштырган аудиторияда бир кыздын акырын буркурап ыйлаган үнү чыкты. Курбулары бир заматта аны курчап калышты.
-Эмне болду, эмне ыйлап жатасың, Алия?
-Саатым, саатым жок…
-Кантип жок, жакшылап карадыңбы, мүмкүн бир жерге түшүп калгандыр, – деп баары жабыла издей башташты. Чынында эле таламандын так түшүндө сааты жоголду. Канча издешсе да табалбагандан кийин он бештеги сары ооз балапан кыз боздогон бойдон жашаган батирине кетти. Ал кезде мектептин жетинчи классын бүтүргөндөр техникумга кабыл алынчу.
Алия Чүй боорундагы бир райондо жайгашкан чакан айылдан болчу. Ата-энеси өмүр бою каруусу казык, башы токмок болгончо колхоздо иштеп жүрүп пенсияга чыккан, бирөөнүн жырык ийнесине кара санабаган карапайым, момун кишилер эле. Маңдайына бүткөн жалгыз кызын колунан келишинче кийинтели десе, чамалары жетишпей турганын түшүнгөн Алия бир жолу да ата-энесине таарынып, дегеле чоёктоп эркелегенди деле билбей өстү. Ал эми аларга каяша айтуу деген түшкө кирбес нерсе эле..
Кыздын атасынын шаарда кызматта иштеген инисинин Алиядан эки жаш улуу кызы боло турган. Ал мектепти бүтүп, Москвага окуганы кеткен. “Эжекем эрге кетип, эскиси мага калды” – дегендей кызына кичине келип калган эки көгүш, ал учурда баалуу деп эсептелген кездемеден дурус тигилген көйнөгүн Алияга бергени абийир болуп, ошол эки көйнөктү алмак-салмак кийип окууга барып жүрүп, биринчи курсту бүткөн.
50-жылдар аяктап, жеп-ичкени, кийим-кечек кийгени бир аз кеңеле түшсө да, Улуу Ата мекендик согуштун залдары кете элек элет элдин жашоо турмушу дале болсо өп-чап болчу. Айрыкча тоо этеги эмес, Чоң Чүй каналынын төмөн жагындагы айылдыктарга жашоо бир топ кыйын эле. Тегиз, айдоого ылайык жердин томуктайы калтырылбай колхозго чегерилгендиктен, эгин, кызылча айдалып, айылдагылардын мал күткөнгө шарты жок болуп, “жайыты жок жердин эли кедей” дегендей, жалаң тондуу, жайдак аттуу жарды жашашчу. Анысы аз келгенсип, колхозу да дайыма итке минген артта калган чарба болгондуктан, иштегендер айлык дегенди билишпей, жыл аягында эмгек күнгө бир нече кап ун, же кумшекер алып отуруп калышчу.
Колхоздо керели-кечке иштеп, суй жыгылып үйгө келгенде короосундагы отуз сотук жерин тытмалап, жүгөрү, картошка, коон, дарбыз жана башка жашылча эгип, ашыгын базарга алып барып сатып, ошого күн көрүшчү. Чүйлүктөр түштүк элиндей болуп, ал жеринен эки, үч түшүм алганды билишчү эмес.
Совет мезгилинде болсун, капитализмге өтүп жыргайбыз деген мезгилде болсун ал жерде жашаган карапайым элдин көпчүлүгүнүн жашоосу дайыма эле жупуну, эптеген эле күн көрүү болуп келе жатпайбы. Алия төрөлгөнүнөн бери ошол жерде өсүп, буту баскандан баштап, энеси менен бирге илешип ал иштеген талаада жүрүп чоңойду. Бала бакча ал кезде кайдан болсун.
Көмүр түшүрүп алуу деген жок, кышка отунга куурай, саманды өздөрү даярдашчу. Коңшу айылдын четинде мыя өсчү. Анын куурайы жакканга ылайыктуу, оту таптуу болгондуктан бир нече чакырым жерден терип, апасы өзүнө чоң, кызына да алына жараша кичине таңгак кылып байлап берип, жонуна көтөрүнүп алып, мойнунан шорголоп, көздөрүнө куюлган тер туз куйгандай ачыштырса да аарчыганга чамасы жетпей, башын жерге салып илээлеп жүрүп отурушчу. Кыз бош отуруу, эс алуу дегенди билбеген түйшүгү чачынан көп дыйкандын жашоосун жакшы биле турган.
Алар короосунун көпчүлүк жерине жүгөрү өстүрүшчү. Көңүлүнө көк чайдай тийген жүгөрүнүн түйшүгү али да эсинен кете элек. Жерди соко менен айдап, атасы күлмайда кылып тырмооч менен тегиз тырмап, үрөнүн кол менен себишчү. Жүгөрү чыккандан кийин арасындагы чөбүн жулуу, түбүн жумшартуу, сугаруу дегендей.
Анык түйшүк бышканда башталчу. Аны оруп, боо-боо кылып таштап, анан кайрыш керек эле. Ар кайсы жерге сотолорду үйүп, аны эшиктин алдына ташып, жайып кургатып, андан кийин чыбыктан токулган чабарага салып коюшчу. Керек болгондо кургаган сотолорду бир асты топурак бөлмөгө төшөп алып, чаң ызгытып, союл менен чапкылап, данын алышчу. Анан аны тазалап, сапырып, капка салып, оозун чымчып буума кылып бекем байлаган соң базарга алып баруу түйшүгү калчу. Ал кезде машине менен жеткирүү түшкө кирбеген, жомоктогудай окуя эле. Колхоздун атын, арабасын кезек менен сурап алып, аны менен барып келишчү.
*****
50-60 – жылдарда дың жерлерди өздөштүрүүгө Совет өкмөтү чакырык таштап, жаштар Казакстандын кылымдар бою ээн жаткан жерлерине жөнөшкөн. Ал тарапка кылар иши, салар кушу жок, аягы сай таппай, кайсы жумушка кирсе да тийип, качып, максатсыз күн көрүп, үй-жайсыз жүргөн аталаш туугандардын Казыгул аттуу уулу да кеткен.
Көп жылы кат-кабары жок бейдарек кеткен эргул бир жайдын күнү айылына келип калды. Туугандын азары болсо да, безери болбойт деп, жатындаш болбосо да аны жаркырап, колдо баарын аябай, агыл-төгүл кылып тосуп алышты. Башка барар жери, басар тоосу жок, эң эле жакын боор бурар дегени Алиянын атасы болгондуктан, ал бир ай алардыкында жашады.
Казыгул айылды түтүнмө түтүн кыдырып, баары менен учурашып чыкты. Аны айылдаштары сыйлашып, күндө майрам, күндө той болуп, ылжып мас болуп келет. Эки бөлмөлүү үйдүн мурда Алия жаткан төрүндөгүсүн ээлеп, арак менен тамекинин коңурсуган сасык жытынан ал бөлмөгө кире албай калышты.
Караганда шаарына жакын бир станцияда жашаганын, казак келинге үйлөнүп, андан үч балалуу болгонун айтып, сүрөттөрүн көргөздү. Бирок, өзү жалгыз келген себеби, келинчеги иштен бошой албаганын, анын үстүнө балдар жаш деп түшүндүрдү. Сүрөттөгү балдары чоңоюп калганын көрүшсө да, өздөрү калп айтпагандар, башкалар да ошондой деп ишенчээк болушат эмеспи. Айылдагылар анын сөзүнө ишеништи.
Арадан бир айга жакын убакыт өтүп, Казыгулду чакыргандардын аягы сууп калды. Канча жылдан бери көрүшпөгөн туугандарына келгенде эки колун мурдуна тыгып эле келген болчу. Аларга кол кабыш кылуу дагы капарына келген жок. Керели кечке даяр тамакты ичип алып уктамай, кечинде жоголуп кетет. Ал келгенде бир малдын бутун сындырбасак болобу деп жалгыз козусун союшуп, коңшу-колоңду чакыргандан калган эти түгөнгөн. Болгон дасмиясын алдына коюп отурган туугандарына ит атасын тааныбайт болуп, бир күнү өлө мас болуп келип: Эмне, жасаган оокатыңар ушубу? Эти жокпу? Сойбойсуңарбы тетиги тоогуңардан! – деп Алиянын апасына кыйкырып жатканын укту.
Анда Алия айылдагы мектептин жетинчи классын жаңы бүтүп, шаарга техникумга документтерин өткөрүп келген. Алиянын ата-энеси өмүрүндө урушмак тургай, үнүн катуу чыгарып сүйлөшчү эмес. Байкесинин беймаза, орой мамилесине, ичкиликти күндө ичкенине, ашкеби болуп, алардын тузун татып, ашын ичип, желкесине минип отуруп, кайра аларды басмырлантканына, баарынан да ата-энеси анын жинин кагып койбой, үн катпагандарына өспүрүм кыздын кыжыры келди. Булардын жону калың болуп, ирегесинен май агып туруп, аяп бербей жатышса бир жөн. Апасынын “Мастан жинди качып кутулуптур. Мас кишиге сүйлөгөн кайран сөз” – деп, бир жолу айтып жатканын кулагы чалган.
Алардын үйүндө ичкилик ичкен киши жок болгондуктан үйүнөн өмүрү масты көрбөгөн кыз келгенде дурус эле кийинген, атыр жыттанган байкеси бир нече күндөн кийин баш кийимин жоготуп, куйкул суйдаң сары чачы тушкелди саксайып, саргыч жашыл көздөрү өлгөн буканыкындай аңтарылып, жалжайган оозунан шилекейи чууруп темтеңдеп келгенин көрүп жүрөгү опколжуп, коркуп жүрдү. Көздөрүнүн алды каканактап шишип, мурунунун үстүнө кызарган бирдемелер чыгып, барбайып чоңоё баштаганын баамдап, арак дегенди күндө иче берсе, бир айда эле адамды айбан кылып коёт турбайбы деп ойлоду.
Кечинде апасына атырылганын угуп, кабыргасы сөгүлүп, түн бою чабалактап уктай албай, көзү илинсе коркунучтуу түштөр кирип кыйналып чыкты. Эртең менен уктап жаткан байкесинин кийимдерин алып келген чемоданына салып, кире беришке коюп туруп, тигил ойгонгондо, кабагын түйүп туруп:
-Байке, качан кетесиз? -деп сурады. Казыгул көзүн ачып-жумуп, уккан кулагына ишенбей, өмүрүндө ага өйдө карабаган кыздын тикирейе жек көрүп караган көз карашын көрүп, кечээ чектен ашкан иш кылганын сезди. Жаак эттери титиреп, өңү түксүйө түшсө да, калп эле каткырымыш болуп:
-Эмне, жададыңарбы менден? Отпускам бүттү. Эртең кечинде поезд менен кетем,- деп, эшик алдындагы чемоданын алып, кайра ички үйгө киргизип, жулуна эшикке чыгып кетти. Бул убакта Алиянын ата-энеси эшикте тирилик менен жүрүшкөн.
Кечинде Казыгул келген жок. Башынан жүрдөөк неме жойчу текедей болуп, айылдагы аягы суюк бир келиндикине көп барат дешчү. Эртеси келип, чемоданын алып, ата-энеси менен сөзүн тишинин арасынан чыгарып, суз коштошту да, жеп жиберчүдөй тиктеген Алиянын жүзүнө түз карай албай чыгып кетти. Анын себебин тигилер түшүнгөн да жок.
Ал кеткенден үч күндөн кийин, Алия үйдү актайм деп, үй ичин эшикке жая турган болушту. Атасы жаткан керебеттеги матрасты апасы тышка алып чыгып эле, өңү бузулуп, чалын чакырды. Экөө бирдей матрасты тыткылап, ичин уламдан-улам аңтарып, ары-бери оодарып, эмне кыларын билбей үн-сөзү жок эле боз ала болуп отуруп калышты. Апасы ыйлай баштады. Атасынын мындай оозунан көк түтүн буркурап үшкүрүгү таш жарганын эч качан көргөн эмес.
Анан апасы Алияга: Бул матрастын кебезинин ичине үч жылдан бери короодон түшкөн акчабыздын бир тыйынын коротпой, ичпей-жебей чогултуп жүргөнбүз. Сен шаарга окуган жатасың. Кийим-кече алып берели дегенбиз. Артканына бир инек уй алалы деп ойлодук эле. Үйгө ууру деле келген жок. Бул Казыгулдун эле кылганы. Кичинесинен эле аксым, колу туткак болчу. Эс тартып, үй-жай күтүп, адам болуп калган экен деп жүрсөк, ичкен тамагына түкүргөн акмак бойдон калган турбайбы…
Чынында эле ал келгенден кийин алып келген акчасын аракка чачып, жада калса жол киреге да сокур тыйыны жок калыптыр. Карызга берип койгула деп ар кимден акча сураганын, бирок анын сырын билгендиктен эч ким бербегенин, анан кетерине бир жума калганда кайра акчалуу болуп калганын айылдагылар айтышты. Дал ошол бир жума мурда Алиянын ата-энеси айылдагы бирөө той берип, анын кызы классташы болгондуктан, үчөө тең кетип, алдырарда жаздырар болуп, үйдө эч ким калган эмес.
Казыгул адатынча түнкү жортуулунан келип, коңурукту кош тартып уктап жаткан. Көрсө, ал булардын бир жакка кетишин аңдып жүргөн тура. Үчөө тең кеткенин мышык басыш менен акырын барып, терезеден көрүп, “Бул оңбогон кемпир-чалдын каткан акчасы болуш керек, аны кайсы жерге катмак эле деп, мындайга тажрыйбалуу Кудай безер үйдү жайма-жай аңтарып, тиши буудай, чачы куудай болгон бечаралардын шорун катырып, куруткан экен. Жулук аңдүүнү билбеген койдон коңур, аңгаал ата-энеси тойдон келгенден кийин да дүнүйө капар болушуп, акчасынын бар жогун түгөлдөп карап, шектенишпеген.
Ошол окуядан кийин ансыз да сөзгө сараң атасы бир топко чейин кабагына кар жаап, мурутуна муз тоңуп, ичинен сызып, сүйлөбөй жүрдү. Апасы болсо, күчүн көзүнө чыгарып эле сыздап ыйлай берип, көздөрү балкан тоодой болду. Ата-энесинин ашын ичип, кадырын тебелеп, колунда тирек болор уулу, кызмат кылар келини жок, бир кичинекей кызын бел кылып, эптеп адал, ак мээнети менен күн көргөн бечараларды мүңкүрөтүп, кендирин кесип кеткен зүңкүлдөгөн көпкөлөң Казыгулга кыздын жек көрүү сезими өмүр бою көөнүнөн кеткис болуп калды.
*****
Болору болуп, боёосу кангандан кийин ал кайгы дагы бара-бара аз-аздап унутулуп, тирилигин улантышты. Кийинки жылы адаттагыдай эрте жаздан кеч күзгө чейин туз чыланган маңдай терин төгүп, белин оорутуп, алаканын жоорутуп баккан жүгөрүсүн карыган атасы базарга алып барып сатып, жолдо бир дүкөнгө башы ооп эле кирип калат. Ал дүр-дүнүйө, зер буюмдар, кол сааттар сатылган дүкөн экен. Айылдагы кыз-келиндер тагынып жүргөн кирпич формасындагы саатты көрүп жүрчү. Бирок, булар алардан кыйла кичине, төгөрөк, төрт бурчтуусу да бар, бет жагына алтындын буусу жалатылган дейби, айтор, алтын саат көрүндү абышканын көзүнө.
Кемпир-чал өмүрүн кызына арнап, өздөрү үчүн эмес, Алиясы үчүн жашашчу. Ошол замат ага “Алияма алып берсемби” – деген ой келди. Баасын сураганда пенсиясы он эки сом болгон анын чөнтөгү үчүн өтө кымбат экенин угуп, ындыны өчө түштү. “Байкуш кызымды баягы зөөкүр Казыгулдун азабынан кийинте албадык. Шаарда окуп жүрсө да алигиче алтынчы класста окуп жүргөндө жаймадан бир орустан сатып берген пальтосу менен жүрөт, ал ошондо эле бир топ кийилген көрүндү эле. Бутунда кийген жалгыз бут кийими да такасы желип калып, оңдоттурган…” – деп бир саамга токтолуп калды. Бирок, тигил саат ушунчалык кооз, аны алып берсем, кызым кандай гана сүйүнөт эле деп ойлонуп, бир топко буйдала толгонду.
Сатуучу келин орус экен. Жупуну кийинген, орто жаштан эбак өтүп калган кишини карап, “сатып албайт деле болуш керек, жөн эле карап турат” – деп, бирок, эмнеси болсо да сүйлөшүп көрөйүн деген ойго келди. Кыргыздардын арасында өсүп, тилди жакшы үйрөнүп алгандыктан, келин кыргызча сүйлөшкөндү жакшы көрчү. Анткени ал бир аз акцент менен кыргызча сүйлөгөндө биздин улуттагылар тим эле төбөсү көккө жеткенче ыраазы болуп, “и-ий, айланайын, кыргызча билет тура, тили да таттуу экен” – деп, жетине албай калышчу. Башка мамлекеттердеги калктай болуп, “биздин жерибизде жашап, суусун ичип, анын жараны болуп туруп эмнеге тилибизди билбеши керек, үйрөнүшсүн да”-, деп талап кылуу момун элибиздин оюна келчү эмес.
“Кызыңызга алайын дедиңиз беле? Бул сааттар заводдон жаңы эле чыкты, мурда мындай бизде жок болчу. Караңызчы, кандай жарашыктуу!”- деп, өзүнүн аппак жумуру билегине боо тагып көргөздү. Сааттын бурамасын бурап, убактысын тууралап: “Тыңшаңызчы, кандай чыкылдап жүрөт! Кызыңыз окуйбу? Окуса, ага сөзсүз саат керек да, сабакка кечикпей барат! Азыр бардык кыздар саат тагынып жүрүшөт!” – деп шакылдады. Кулагына такаса, үнү чын эле угулар-угулмаксан, назик экен. Алардын үйүндө дубалга илинип турчу мышыктын сүрөтү бар арзан баалуу чынжырлуу бир сааты чыкылдап, айрыкча түн ичинде, уктай албай жатканда добушу катуулагансып, кулактын кужурун алчу. Күн сайын чынжырын тартып, кыскартып турушчу. А муну болсо, акырын эле бурамасын бураш керек турбайбы.
Баарынан да сатуучунун “Азыр бардык кыздар саат тагынып жүрөт!” – дегени алга бир караса, артка беш караган карыяны ойлонтуп койду. Дагы бир жолу: “Менин кызым бала болуп башына жүн чыкканы эч нерсе сурабайт. Азыр Алиям гана кол сааты жок жүргөн тура!”- деп ойлоп жиберди. Керек болсо жанымды дагы аябаган кызымдан ушул саатты аямак белем? Кемпир шордуунун да маасы, көлөчү жыртылып, көпкө, топко барган жерде байпагым чыгып калды деп айтты эле. Өзү жөнүндө ойлонгон да жок. Ал дегеле бар болгон жалгыз жаңыраак күрмөсүн да кийгиси келбей, үстүндөгү эскиси менен жүрө берчү. “Эки жакка барыш керек болгондо элден-журттан уялбайсыңбы, алар эмне дейт?” – деп кемпири урушуп жатып тигил түзүк деген кийимин араң кийгизчү.
Короосунун жанына бир-эки кой, козу багып, бир нече айда бирди союп алышчу. Жанагы жүгөрүдөн түшкөн тыйын-тыпырына бир козу сатып алыш керек деп келген эле. Анан дүкөнгө кирип калып, тигил жаркыраган саат көзүнө көрүнө калып жатпайбы. Акчаны бурай кармап, көзүнө көрүнгөндү керек болсо да, болбосо да ала бермей турмуш ага кайда? Анан калса өзү да сабырдуу, жети өлчөп, бир кесип иш кылган кишилерден болчу. Акыры, кызыма алышым керек! – деген чечимге келип, кара жумуштан жедеп алакандары чор болуп катып калган, капкатуу арык колу менен бет аарчысына түйгөн акчасын улам эсептеп, сатуучуга карматты.
Татынакай кыпкызыл кутучага салынган саатты ички төш чөнтөгүнө салып, кудуңдаган бойдон үйүнө жөнөдү. Көкүрөгүндөгү сааттын чыкылдаганы ага угулбаса да, жүрөгү салтанаттуу добулбас уруп жаткандай болуп, үйүнө көңүлү шат келди. Кызы шаардан ишемби күнү келмек…
Бешенелерине бүткөн нур кызы үйүнө келгенде, ата-энеси дайыма кубанычы койнуна батпай, атасы тек гана күлмүңдөп, апасы отургузууга жер таппай, алдастап, жалынып-жалбарып тосуп алчу. Бул жолу эмнегедир алар сырдуу… чай ичип жатканда, энеси ага улам эле жымыйа күлүмсүрөп, анан чалына: “Болбойсуңбу, эми!”- дегенсип, суроолуу кароодо. Демейде жүрүшү салабаттуу, байсалдуу атасы ого бетер шашпай, маалкаткансып, чайынан ууртап, мурутунан жылмаят. Акыры апасы чыдабай кетти окшойт: “Алып чыкпайсыңбы, эмне создуктурасың мынча?”- деп жиберди. Кызы экөөнө алма-телме тиктеп калды. Атасы шашпастан төшкү чөнтөгүнөн кутучаны алып чыгып, күлүңдөп кызына сунду. Ушул тапта анын түрү эч качан болуп көрбөгөндөй, бир чоң эрдик жасап салгандай мактанычтуу эле.
-Бул эмне?
-Аччы, көрөсүң! – деди апасы, кубанычы койнуна батпай.
Алия акырын ачса, ичинде жаркыраган саат!!! Килем-килче, эмерек, жасалгалары жок болумсуз жупуну үйдүн чакан бөлмөсүнүн ичине бул кичинекей саат асмандан жаркыраган нур болуп, айланасын жарык кылып жибергендей, алаканына бир жылдыз түшкөндөй сезилди кыздын көзүнө.
Ай-иий! Ушундай кооз саатты мага алдыңарбы? Кызы жибек канат көпөлөктөй учуп туруп, атасын кучактай жыгылып, анын тер, насыбай жыттанган, бирок дүйнөдөгү эң кымбат, жакын жытын искеп, сакал-муруттуу бетин өпкүлөп жатты. Анан апасы менен кучакташып… Бүл мүнөттө алардан бактылуу бул дүйнөдө эч ким жок болчу.
Мына ошол саат эми уурдалып отурат. Кыздын кайгысы тим эле айтып-бүткүс, чексиз. Ал ата-энесинин талаага кеткен мээнетине күйбөгөн жери күл болду. Өздөрү ичпей-жебей, кийбей алып берсе! Азыркы замандагы бирди кийип, бирди чечип, бир кийгенден кийин, бул көйнөктү баары көрүшкөн, башкасын алып бергиле деген эрке кыз-келин, айымдардын учуру болсо, ал сааттын жоголушу анчалык күйүт болбойт эле да.
“Саатты жашаган батириме эле таштап кетпей, эмнеге чаң ызгыган курулуш жүрүп жаткан жерге тагынып бардым? Кыздарга мактангым келди да. Анан бир көргөзгөндөн кийин деле эртеси үйгө таштап кетсем жоголбойт эле да” – деп ойлонуп, өзүн жекирип, көзүнө күч келтирип, орундалбас ой-санаага жанчылды.
Кыздар имаратка киргенден кийин бир бөлмөгө чечинишип, ишке кийе турган кийимдерин кийип алып, жумушуна кетишчү. Кийимдерин кайтарган деле эч ким жок. Бардык эле кыздар ошентишчү да. Бирок, биринин да сааты аныкындай формадагы жаңы модада жасалган, алтындын буусу жалатылган эмес болчу. Үч күн тагынгандан кийин эле жоголуп жатпайбы.
Турмушта ач көздүк, көрө албастык, дини каралык, арам ойлуулук боло турганын билбеген баёо кыздын тоодой болуп шишиген көздөрүнөн жашы токтолбой жүзүнөн ылдый куюлуп жатты. Былтыркы жылы Казыгул тууганы ата-энесин сызга отургузуп болгон акчасын шыпырып кеткенин, ууру деген аёосуз, ырайымсыз болорун, сактыкта кордук жок экенин сабак кылбаганына өкүнүп жүрдү.
Чекесине чертмек түгүл, жаман көзү менен карабаган ата-энеси саатты жоготкону үчүн эчтеме дебесин билет. Бирок, маңдайынан тер, колунан чор кетпей, эрте жаздан кеч күзгө чейин тарамышын тарап, толгон-токой мээнет кылып жатып өстүргөн жүгөрүнү сатып, тапкан акчасына алып берген саатты шаарга бир барып эле жоготуп келдим деп кантип айтам? -деп, ичинен сыздады.
Айылдагылар эми мени: Ай-иий, баягынын эселек кызы атасы алып берген баалуу саатын жоготуп келиптир, буюмдун баркын билбеген немеге эмне алып берет, андай кымбат нерсени? – дешет да, – деп намысынан өрттөндү. Тырмактай кыз болсо да, ал аябаган намыскөй эле. Маңдайынан анча сылабаган элеттин кызы ал буюмдун кандай мээнет менен келгенин, ата-энесинин, өзүнүн да ак мээнетинин күйүп кеткенине жаны кашайып, туталанды.
Анын жакшы гүлзардын гүлүндөй жаңыдан жетилип, каадалуу кыздай болуп бой түзөп, шаардагы окууга илгиртпей өз күчү менен өтүп, жакшы окуп жатканына ата-энеси жетине албай, аябай сыймыктанышчу. Элдин кыздарынан кем болбой колуна саат тагынганына атасынын мулуңдап, мурутунан жылмайганын, ак көңүл, ичинде кымындай арам ой ойлогонду билбеген, өзүнүн үстүндө үйрүп алар кийими жок апасынын жетине албай кубанганын эстеп, ого бетер көзүнөн жаш буурчактап төгүлдү.
Кол саатын улам карап, аны таккандан кийин эле бою да узара түшүп, өзү да секелек эмес, бойго жетип калгандай, ажарлуу боло түшкөндөй абалы эми уюлгуган бурганак басып, уйпалап салгандай кибиреген кызга айлана түшкөнсүп, көңүлү чөгүп, санаадан чүпүрөктөй болуп өңү азды.
Алар менен бир курста, дайыма дымактуу сүйлөгөн Ысык-Көлдүн Бостери айылынан келген Анипа аттуу кыз окучу. Ал Алиянын сааты жоголгондун эртеси ишке чыкпай, эки күндөн кийин келди. Негедир Алияны түз карабай, кабагын үйрүп, мурдагыдай шакылдабай, башка курбулары менен да түзүктөп учурашпады. Аны менен бир квартирада жаткан кыздардын бири анын күтүлбөгөн жерден эле акчалуу болуп калганын, көйнөк, сумка сатып алганын башка бирөөсүнө айтып, Алиянын саатын ушул эле Анипа алса керек деп өздөрүнчө шыбыр-күбүр болушуп, шектенип жүрүштү. Бирок, колуң менен кармап албагандан кийин эмне кыла алмаксың? Мүмкүн ага акчаны ата-энеси салып жибергендир, же шаарда тууган-туушканы бергендир…
Эмнеси болсо да Алиянын сааты ошол бойдон ың-жыңсыз жоголуп, табылбады.
Кызы шаарда саатын жоготуп, самандай өңү саргайып, жүрөгү зилдеп жүргөн учурда Алиянын энеси түш көрдү. Кызынын колундагы саатын бир түрү суук, оң жаагында тырыгы бар, колунда көк таяк кармаган аксак аял жулуп алып, качып жөнөйт. Кызы да сабылгансып, түрү капалуу. Айланасын булаңгыр туман каптагандай болуп, тигил неме тез эле көздөн кайым болот. Энесинин жүрөгү түпөйүл тартып, эмне саатын жоготуп алдыбы? Сааты жоголсо мейли, кырсыктабай эле аман-эсен келсе экен. Өңү бопбоз болуп арыктап алыптыр. Же окуусунан бирдеме болдубу? Биринчи курсту жалаң жакшы баалар менен бүттүм, азыр иштегени жатабыз деп кетпеди беле. Же курулушунан кирпич, таш-паш тийип бир жерин кокустатып алдыбы? Мындай учурда ойго жалаң жаман нерселер кирет да.
Азыр кээ бирөөлөр жамандап жүргөн Совет өкмөтү студенттерди бекер окутканы аз келгенсип, колхозчулардын пенсиясынан кыйла ашык стипендия төлөшчү. Аны тамагына бөлүп, жаткан батирине төлөгөндөн кийин дагы үч сом ашып калчу.
Техникумдун имаратын курууда жай бою иштеген студенттерге айлык төлөнгөн жок, эки айлык стипендия берилип, он беш күнгө таратылды. Отуз алты рубль алган студенттер кубанып, өздөрүнө кийим-кече, үй-бүлөсүнө белек-бечкек алып, үйлөрүнө кетишти. Алия курбуларынан карызга дагы төрт сом алып, өзүнүкүн кошуп, 40 рублга так баягы атасы сатып бергенге окшош саат сатып алды. Былтыр үч жылдык мээнетин Казыгул оңбогур жалмап кетсе, быйыл мен “Жоготуп алдым, уурдаттым…” дегени дагы алардын зээнин кейитет да деп коркту. Ата-энесинин көңүлү кирдегенин көрүш Алия үчүн ченемсиз оор иш болчу. Алия үйүнө келгенде апасы дароо эле анын аман-эсен экенин, колундагы саатын көрүп, эс ала түштү. Учурашып, чайга отурганда:
Ботом, бая күнү мен бир жаман түш көрүп, коркуп жүрбөдүмбү. Алдагы саатыңды оң жак бетинде тырыгы бар, көк таякчан чолоңдоп баскан бир катын колуңдан жулуп алып, качып кетти. Сени карасам, бир сары көйнөк кийип алыпсың. Мындай көйнөгү жок эле, кайдан алды? – деп коём. Садагаң кетейин, каймактан көбүрөөк сыйпап жечи, өңүң аябай азып кетиптир, силерди аябай иштеткен го, окуудагы мугалимдериңер. Атаңа айтсам, сага тим эле ар түстүү түш кирип, таягынын көгү, кызыңдын көйнөгүнүн сарысы көрүнүп, көзү ачык болуп кеткенсиң го. Жаман оюңда саатын жоготуп албаса экен деп ойлоп жүргөн окшойсуң. Менин кызым эстүү, жоготпойт андай баалуу буюмун” -деп кайра мени шылдыңдап койду.
“Байкуш энемдин жүрөгү сезип, менин сарсанаа болуп жүргөнүмдү билген тура. Бизде окугандардын ичинде аксак кыз деле жок” – деп, ичинен Алия ойлонуп койду. Эч качан калп айтып, ата-энесин алдабаган кыз стипендия алган-койгону жөнүндө кабары жок, арамдык-куулук оюна кирип-чыкпаган, өмүрү бирөөгө жамандык кылбаган адамдарын айласыздан алдап койгону үчүн өзүн өтө күнөөлүү сезип жүрдү. Эгерде уурдалбаса, ал акчага апама маасы, атама көйнөк алып бербейт белем.
Кийинки алган сааты Алияны мурдагыдай кубандырбады, кайра таккан сайын өзү уурдап алгансып көп деле тагынгысы келбей калды.
*****
…Арадан далай жылдар өттү. Алия техникумдан кийин жогорку окуу жайын дагы бүтүрүп, турмуш куруп, бала-чакалуу болду. Кыз кезиндеги жетишпеген турмушта жашаганын тагдыры эселегендей бакубат жашап, кийбегенди кийди, жетпегенине жетти. Баягы саатты тууган кыздардын бирине берип, өзүнө чыныгы алтын саат алды.
Бир жылы Жалал-Абадка курортко барып, самолетко түшөрдө аэропортто отурган жеринде сумкасы унутулуп кала бериптир. Ичинде боосу үзүлгөнүнөн салып койгон алтын сааты бар эле. Дагы бир жолу, болгондо да алтын буюму баалуу боосу менен жоголду. Бирок, бул жолу ага такыр ичи ачышкан жок. “Жоголсо жоголуптур, баштан, көздөн садага, дагы башкасын алып алам да” – деп гана койду.
Студент кезинде атасы алып берген сааты жоголгондо көкөйүнөн кеткис болуп, тим эле миллион жоготконсуп кайгырганын эстеп, кетмен чаап, орок оруп, колу жука болсо да пейили кенен болуп, болгонуна шүгүр деп токмаарек өмүр кечирип жүрүп, бул дүйнөдөн өтүп кеткен ата-энесин аянычтуу эстеди.
Баса, экинчи курста окуп жүргөндө баягы шектелген Анипа жакын көргөн курбу кызынын акчасын уурдап жаткан жеринен кармалып, чогулушка талкууга түштү. Ошол учурда жаны ачыган кыз Анипага: “Алиянын саатын да уурдаган сен болчусуң. Мен четин байкап калып, сенден сурасам, танып койдуң эле. Колуңдун туткактыгы кармап, эми мага кол салдың!”- деп айтып салды.
“Ууру коркот айгактан” – дешет го. Жулук ууру болуп көнгөн неме акчаны көргөндө өзүн-өзү токтото албай, ит адатын кармата салган тура. “Адамгерчилик бал тил менен татынакай өңгө чанда гана төп келет” – деп кытайдын акылманы Конфуций айткандай, акжуумал, сулууча келген, сабакты деле дурус окуган Анипа ошол окуядан кийин окуусун таштап кетүүгө аргасыз болгон…
*****
…Алия анда Бишкекте жашачу. Кызмат даражасы жогорулап, Ак үйдө кызмат өтөчү. Жекшемби күнү болгондуктан уул-кыздарын алып, шаарга ойнотуп келгенге камданып жатышкан. Бир убакта кызы чуркап келип:
Мама, биздин үйгө бир киши келди! – деп калды. Чыкса, баягы Казыгул. Оозундагы отуз эки тиши бүт күбүлүп түшүп, сүйлөсө шамшаңдап калыптыр.
Кандай, Алия, айланайын, жакшы турасыңарбы? – деп түз эле үйгө киргенге кадам шилтеди. Заматта көзү өтүп кеткен ата-энеси, аларды сыздатып кеткени көз алдына келип, алдында адам эмес, жил ибилис тургандай сезилди. Бейадеп неме, “мени кармап алышты беле, эмгиче унуткандыр” – деп бети чымырап уялып болбой келип отурган наадандыгына таң калды. Эшигин ачпай туруп, артына карап, балдарына: “Жүргүлө, кеттик!” – деп, анан Казыгулга карап: “Биз кетип жатат элек, кечириңиз…”
Делдейип карап турган Казыгулдун көзүнчө “Эшикти жакшылап жапкыла, үйгө дагы бир туз ургур жексур ууруга кирип жүрбөсүн…, -деп, тигиге түз карады. Ал каны ичине тартылып, үн-сөзү жок, буту шилтенбей турган жеринде кала берди.
Кийин ал айылга барып, Алия чоң кызматка турганына көөп калыптыр дептир. Айылдагылар анын уурулук кылганын билише турган. Эч ким мурдагыдай сыйлап, үйүнө чакырбай коюп, тез эле кайра кетиптир деп угушту.
Бир нече жылдан кийин “Казыгул үй-бүлөсүнөн эбак ажырашып, кароосуз өлүптүр” деген кабар угулганда да, жек көрүүсү кастыкка айланып, тууганы эмес кас душманы өлгөндөй көрүнүп, кымындай да ичи ачышкан жок.
*****
Алия үй-бүлөсү менен жайдын күнү Чолпон-Атадагы эң мыкты делген санаторийге эс алганы барган. Көлгө түшкөнү бара жатышса, алдынан алчаларды жыгачка жүзүмдөй кылып тизип алып сатып турган аялды көрүп, балдарга алып берейин деген ой менен ошол тарапты көздөй басты. Жакын келгенде көздөрү тиктешип, негедир өңү тааныштай учурады. Алия ооз ача электе эле тигил аял дароо тескери бурулуп алып, алчаларын шашыла жыйнаштырып, сумкасына сала коюп, наркы жолго түшүп, аксаңдай шашыла басып кетти.
Мезгилинен эрте карыган, көрүнүшү жүдөмүш, кийгени өтө жупуну, баягы маңкайган ак жүзү жыландай кара сур тартып, оң жаагында кулагына чейин түшкөн узун терең тырык, колунда көк боёк менен сырдалган таягы бар аялдын Анипа экенин көзүнөн гана тааныды. Энесинин түшүнө кирген көк таяктуу аксак аял дароо эсине түштү. Чын эле ошондогу саатымды уурдаган ушул Анипа турбайбы.
Арамдык менен тапкандары кебетесине караганда кыя учуп кеткен булутка окшоп, жукпаган го. Бир кезде кабагы ачык, дайыма шатыра-шатман болуп, колдон суурулган курсташынын канча жыл өтсө да анын алдында бет кат болуп, түз карап учурашып, ал-жай сурашмак тургай чолоңдоп, арты жагын карабай качып баратканын көрүп, артынан бир топко ойлоно карап турду…