Жаңылыктар

«АДАБИЯТ УҢГУ ЖОЛУНДА» – «КАЙРЫКТАР КАЗЫНАСЫ» КООМДУК БИРИКМЕСИНИН ЭЛ АРАЛЫК I КУРУЛТАЙЫ БОЛУП ӨТТҮ

📅 2025-жылдын 25-июлунда «Кайрыктар казынасы» коомдук бирикмесинин демилгеси менен «Адабият уңгужолунда» аттуу коомдук башталгычтагы биринчи Эл аралык адабий курултай ийгиликтүү өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын гана эмес, чет мамлекеттерде жашап, кыргыз тилин жана адабиятын жүрөгүндө сактап, чыгармачылык менен алектенген мекендеш акын-жазуучуларды бириктирген маанилүү адабий жолугушуу болду.✈️📖

Курултайдын ачылышында «Москва Кайрыктары» адабий ийриминин негиздөөчүсү жана «Кайрыктар казынасы» коомдук бирикмесинин төрагасы Багыт Шериевич Бапанов сөз сүйлөп, курултайдын негизги максаты – дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган чыгармачыл инсандарды чогултуу, кыргыз тили менен адабиятын даңазалоо жана залкар инсандарыбызды дүйнөгө таанытуу экенин баса белгиледи. ✍️ Ал ошондой эле Түркиядан, Кореядан, Москвадан жана башка өлкөлөрдөн катышкан мекендеш жазуучулардын чыгармачылык салымын жогору баалады.

🎤 Иш-чаранын алкагында төмөнкү коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышты:
• Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Азатович Сабиров
• 🎭 КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбекович Надырбеков
• КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиев
• Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Кеңешович
• ✒️ Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Капашович Иманалиев
• Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Акимович Раев

📜 Мындан тышкары, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан «Москва Кайрыктарынын» 15 жылдык мааракесине карата кыргыз маданиятына жана адабиятына салым кошкон мекендештер Ардак Грамота, Жазуучулар союзунун күбөлүгү жана төш белгиси менен сыйланышты.

🏅 Ошондой эле ТҮРКСОЙдун Эл аралык сыйлыктары, КР Маданият министрлигинин, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

💬 Адабий курултайдын алкагында белгилүү акын-жазуучулар да сөз сүйлөп, адабияттын келечеги, тилди сактоо, руханий мурасты даңазалоо боюнча ойлору менен бөлүшүштү.

📚 Бул адабий жолугушуу — кыргыз тилинин жана маданиятынын эл аралык мейкиндикте өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан тарыхый кадамдардын бири болду. 🇰🇬

📍 Курултайдын экинчи күнү — 26-июль — А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында уланат. Бул күнү дагы мазмундуу баяндамалар, адабий окулмалар жана чыгармачылык баарлашуулар өтөт.

_________________________________

📖 Маалымкат иретинде:
«Москва Кайрыктары» — 2010-жылы Москвада негизделип, чыгармачыл мекендештердин жүрөк зарын, сагынычын калем аркылуу билдирген адабий платформа. Кыйынчылыктарда жүргөн акын-жазуучулар «НУР» гезити аркылуу үнүн угузуп, бара-бара ийрим күч алып, кыргыз маданиятынын руханий көпүрөсүнө айланган.

Бүгүнкү күндө «Кайрыктар казынасы» бирикмеси Минюст тарабынан расмий каттоодон өтүп, Кыргызстандын бардык аймактарынан чыккан таланттарды бириктирген чыгармачылык аянтча катары өнүгүп келет. Бул мектеп – мекенчилдиктин, тилге жана маданиятка берилгендиктин символу болуп калды. ✨

Кайрыктар Казынасына – 15 жыл!
Адабият – уңгужолубуз!

About the author

Жазуучулар Союзу