Кыргыз драматургу Султан Раевдин Бухара драма театры сахналаштырган Овсар” ( “Маң” ) спектакли “ Жылдын эң мыкты спектакли” деген номинациясын жеңип алды. Спектаклди Өзбекстандагы белгилүү режиссер Лазиз Новрузов койгон. Бул спектакль буга чейин да бир нече театр фестивалдарынын байгелерин жеңип алган. Азыркы күндө Султан Раевдин драмалык чыгармалары Өзбекстандын ондогон театрларында коюлуп келет. КР Жазуучулар союзунун атынан Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевди бул ийгиликтери менен куттуктайбыз.
