Шухрат Ориф (Орипов) – 1981-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунда төрөлгөн. Өзбекстан Улуттук университетинин журналистика факультетинде бакалавр жана магистратура баскычтарын аяктаган. Өзбекстан Республикасы Президентинин алдындагы Мамлекеттик жана коомдук курулуш академиясында билим алган. Коомдук байланыштар жана эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасына ээ.
Өзбекстан Жазуучулар союзу жана ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Көптөгөн эл аралык адабий жыйындардын катышуучусу. 2020-жылы “Мен асыл адам эмес, ашык жар элем”, 2022-жылы “Шам добушу” аттуу китептери жарык көргөн. “Шухрат” медалы жана “Достук” ордени менен сыйланган. Учурда “Бизнес өнүктүрүү банкынын” Башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштейт. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.
Ырлары
Кыргыз тилине которгон: Гүлүмкан Исаева
***
Шакта жалгыз калган алмадай,
Төгүлүүгө бакыт издепмин.
Дүйнөсүнө келген конокмун,
Мендик эмес экен, билбепмин.
Кылымдары көзгө күл чачты,
Алсыз жаным канча дил төктүм.
Эшиктерин ачып не күндүн,
Мен өзүмдү көккө теңепмин.
Төгүлсүн деп ойлоп көңүлдү,
Тең экиге бекер бөлүпмүн.
Жарың бир күн келет дешкенде,
Жанып, күйүп өзүм барыпмын.
Жарым айтты: “-Башка жарың бар”
Жер караган, байкуш, карыпмын.
Пенде, адам боло албаган
Мен жөн гана Шухрат Орифмин.
***
(Акын Аскар Махкамдин жаркын элесине арнайм)
Күндө тиктейм терезеден үмүттүү,
Булуттардай дүйнө сүзөт көзүмдө.
Астанама башын жөлөп үр кыздар,
Көңүл улайт, “күт” дейт узун түндөрдө.
Кум астында калып анан балалык,
Арзуу издеп кеткем темир шаардан.
Дүйнө, сага мактал айтып көп ирет,
Кан ыйлагам, босогоңо баш ургам.
Жок, мен эмес, кызык өзү адамзат,
Кадыр билген өз кишисин өгөйлөп,
Отко салып, канжар уруп, же асып,
Өлсө мактайт… Кимден калган жөрөлгө?
Миң жыл издеп Адам өзүн Адамдай,
Мажнундары келет Көктөн кабардай.
Шадман келет, Шухрат келет мага окшоп,
Мендей карып, мендей жаны жай албай.
Кофарнихон* дарыянын жээгинде,
Сулуу кыздар сууга түшүн агызат.
Көзү күздөй саргайыңкы чоң энем,
Жыртык көлөч дүйнө менен алышат.
Топуракка сыйбайт биздин сөзүбүз —
Кандай сызып чыга берет тамандан.
А мен болсо акырет күн келгенче,
Шарпылдаймын дарыядай, адамдар….
(*Кофарнихон — Таджикистандагы бир дарыянын аталышы)
Арапа күнүндөгү ойлор
Тилектер жаайт бул күнү,
Телефон тынбайт эрте-кеч.
Жүрөктө улуйт муң үнү,
Куттуктайт достор эстеген.
Шамалдай тозгон будуң-чаң
Максаттар — алган насибим.
Үмүттү жагып тушуна,
Өмүрүм берип а түгүл.
Жылдарбы тынчтык бербеген,
Арзууга барчу жол — күндөр!
Жанаша жашап өлүмгө,
Жарыгын чачкан бул күнү
Өтпөсөк экен өмүрдөн.
****
Кокон базар — бу дүйнө,
Соодагер көп алгандан.
Күлүп тосот. Кетүүгө
эч ким келбейт жардамга.
Көк бөрүдөй — бу дүйнө,
Бири-бирин тепкилейт.
Байгеси жок арзыган,
Өзү келип, кетти дейт.
Ышк мазары — бу дүйнө,
Мажнундардын кайгысы.
Кудай жолун түз тапкан,
Суфийлердин каргышы.
Өгөйлөбө, оо, дүйнө,
Мен да муңга эгизмин.
Ичи сызып, кетилген,
Сырты бүтүн дервишмин.
Жылдар суудай агылып,
Өз атымды унутам.
Мен кеткенде кыздарым,
Ыйлап карап турушар.
Кооз дүйнө, катыгүн,
Кимге жандын убалы?
Кыздарымдын акы үчүн,
Колуңду өөп турамын.
***
Аяба, досум, мени
Маңдайда багым мына!
Күлкүмдөн табы учат,
Канымда жалын мына!
Көзүмдү таңып турмуш
Дарынан басып өтөм.
Жүрөктү аяп турам,
Болбосо дагы өсөм.
Бак конгон карегиме,
Дале азоо минген атым.
Бул өмүр өмүр эмес,
Бул өмүр — жан сукбаты.
Чын өмүр келет бир күн,
Ал мага окшобойт эч.
Мен токтоп калган жерден,
Ал чарчап токтобойт эч.
Кучактап ирмемдерди,
Гүлдөдүм гүлдөр чакта.
Коркууну үйрөтүштү,
Айландым күлбөс жанга.
Сен менин дилимди көр,
Аяба, бирок, досум!..
***
Келдиңиз…
Өзгөрүп кетти дүйнө,
Өзгөнү көзүм көрбөй,
Өзүм да өзгөрүлдүм.
Башкалар жарын күтүп,
Башкалар бакыт издеп,
Бакыттын азабында.
Мен бактан тажаганда
келдиңиз…
Сиз келдиңиз…
Күлдүңүз…
Бакыттан балкып жаным,
Жыгылган жерден турдум,
Чогулуп чачылганым.
Чок кармап адаштым көп,
Чочудум кайра дагы…
кайра дагы…
Тигиле карадыңыз…
Түшүндүм ой төркүнүн,
Түштөрүм жалган чыкты,
Түшүндүм… болбойт сүйүү.
Чоң тузак — салам берүү,
Коштошуу — жалгыз амал,
Чоң азап — сүйүп калуу.
Не тагдыр?
Бул не бүтүм?
Бир ыйлап, бир күлөмүн
Тагдырдын талаасында.
Эч кимди сүйбөгөндөй
мен сизди жанып сүйдүм
Өмүргө келүү менен
Кетүүнүн арасында.
***
Көңүл жогун тапкан убакта,
Көрүшпөсөк эмне сиз менен!
Өмүрүмө мазмун беле же —
Кусаланып, сизди издеген.
Айырмам жок башкалардан эч,
Мажбур жашап жүргөн бирөөмүн.
Араң «Сиз» деп кыркка келди элем,
Эми кантип өмүр сүрөмүн?
Унутпаса деймин болгону,
Баскан изим сизге байланат.
Сагыныңыз, мени ойлоңуз,
Мен жашашым үчүн кайрадан!
Көрүшпөсөк эмне сиз менен,
Көңүл жогун тапкан убакта…
КАР. МЕН жана СҮЙГӨН ЖАР
Кар каткырат тереземде,
Эрк түшкөндөй асмандан.
Кусалыктан ээрчийт издер,
Сени издеп баскандай.
Өмүр көккө сапырылып,
Тереземден түшкөндөй.
Дагы күттүм келериңди,
Сени издеп күткөндөй.
Кар каткырат тереземде,
Мен мелтиреп караймын.
Сенсиз кардай ээрип, эркем,
Атыңды ичтен атаймын.
***
Кашымда турасың унчукпай,
Билемин айтарың көп мага.
Өкүнбө. Ыйлаба. Тумчукпа!
Баардыгы тааныш кеп, сөз мага.
Кашымда турасың унчукпай,
Көзүмө карайсың тигиле.
Баарына уруксат берген да,
Бардыгын чектеген дүнүйө…
Кашымда турасың унчукпай,
Көзүңдө көп жылдык кек турат.
Үн-сөзсүз өтөмүн жаныңдан,
Ашыктар сүйүүгө бек турат.
Унчукпайм. Кетесиң, карагым,
Изиңден таарыныч төгүлө.
Мынча жыл дүлөйдөй жашадым,
Бар сырым айтылып көзүңө.
***
Мендей болуп зеригип,
Кең мейкин да арыды.
Жазда таштап кеткен кыз,
Күздө кел, көр багымды.
Аза күтүп сүйүүгө,
Желге учат бариктер.
Көккө атым жазышкан,
Турналарды кайрып кел.
Бизди эч ким тааныбайт,
Бу бекетте жан учса.
(Жашоо мага — жаман түш)
А сен кайда жүрөсүң,
Чачың жайып парустай.
А мен кимден не күттүм,
Асман тиктеп теректей.
Жанды сага сактапмын,
Жаным сага керектей.
Бариктердей дил үшүйт.
Күздөн мурун биз келип,
Көрктөгөнчө дүйнөнү,
Бийлик курду күз келип.
***
Ортобузда жыйырма күз бар,
Жыйырма бейбаш көктөм бар.
Ортобузда — бактылуулар,
Биз — бактылуу карыптар.
Ортобузда — үнсүз жылдар,
Миллиарддаган адамдар.
Ортобузда — дудук көңүл,
Дүрбөлөңдүү тынчтык бар.
Жолугуу бар ортобузда,
Бак тургузган бийик дар,
Жыйырма тамчы көз жаш, анан
Жалыны өчпөс билик бар.
Ортобузда чарчайт тагдыр,
Кимдер келип, ким кетпейт.
Ортобузда жашайт дүйнө,
Бирок, бизге дем жетпейт.
Ортобузда сүйүүбүз бар,
Жанды үнсүз бөлүү бар.
Өлүмдү да суктандырып,
Атыңды атап өлүү бар.