Керимбек Кадыракунов: Шылтоолоп чакырууга себебим жок, Жөн эле үйгө достор, келгилечи

Токой

Сансыз дарак сабын бузбай тизилген,

Саргайыңкы жалбырагын күз илген.

Мээлүүн желдин мемиреткен шоораты,

Узап аздан чексиздикке үзүлгөн.

 

Дүйүм шилби токойдогу аралдай,

Саксайышат саамайлары таралбай.

Иңир кирсе үшүн алат адамдын,

Сезимиңди селт эттирчү караандай.

 

Тоонун башын көрүп булут чалганын,

Тобун издеп, көзөмөлдөп калганын.

Карагайлар балатыга курчалган,

Тойго ээрчитип бараткандай балдарын.

 

Жан-жаныбар бейпил жашап жай кылган,

Тирлик өтөп уланышкан ай, жылдан.

Чар тарабы өсүп барат токойдун,

Жердеги бир алп кемедей жай жылган.

 

Калса болду уланып

Өткөн күндү дасторкондой жайгым бар,

Койну толо кубанчым бар, кайгым бар.

Өтөлгөлүү өттү күндөр дебесмин,

Актай өңдүү кеткен айрым ай-жылдар.

 

Улам жашым барган сайын өрүүлөп,

Өткөндү эстеп ой түйшөлтөт көп ирет.

Балким, бириң капалантсам бириңе

Тийди бекен кол кабышым көбүрөөк.

 

Баары өзгөрөт, келет, кетет мансап да,

Өчөр нуру жылдыз болуп жансак да.

Урпактарга калса болду уланып,

Биздин мүнөз, абийир күтүп жансактоо.

 

*****

Бугун ачпас купуя,

Булут баскан кеч кирди.

 

Өмүр – өткөн кубулуш,

Кубанталбас эч кимди.

 

Чырпык, ак там, кыз, улан,

Баары, баары эскирди.

 

Терек, боз там, кемпир-чал,

Келаткандай жетелеп

Нарга жүктөп мезгилди.

 

*****

Ким бирөөлөр кыргыздын тою көп – дейт,

Тойдо айтылар узун сөз ою – көп дейт.

Айыл жыйып ашкере чыгым кылбай,

Той өткөзбөй жөн эле коюу эп – дейт.

 

Учур келсе сөз айтуу ылайык да,

Кошула албайм айтылган бул айыпка.

Тойгузам деп эл жыйбайт тойдун ээси,

Бата сурап сый кылат калайыкка.

 

Тээ байыркы алмустак, таш кылымы,

доорунда эле, болсо эгер жакшылыгы.

Тасмал жайып, чогулуп бата берген,

Уланууда кыргыздын жакшы ырымы.

 

Тойду күтөт адамдар тилек менен,

Тойго келет апакай ниет менен.

Жаңы кийим алсаң да жөрөлгө бар,

Жакшылыкка, тойлорго киет деген.

 

Каалоо айтып ак бата, ымаласын,

Той өткөргөн адамга кубанасың.

Тилек кылат баарыңа буюрса – деп,

Тойго келүү, той берүү шыбагасын.

 

Досторум келгиле үйгө

Маанилүү майрамым жок белгилөөчү,

Маараке, тойго жокмун жердиги өзү.

Шылтоолоп чакырууга себебим жок,

Жөн эле үйгө достор, келгилечи.

 

Өмүр – жол, бассаң чекке аз калуу бар,

Арбыткан жолду карап жазгануу бар.

Досторум түйшүгү арбын тирүүлүктө,

Көрүшпөй көңүлдөрдүн азганы бар.

 

Кызыгын өткөндөрдүн эске салып,

Кызыбай, шарап жакса кез-кез алып.

Не жетсин отурганга,

Чебер сөздүн

чер жазар кытыгысын кепке салып.

 

Таң-кечке тамашаңдан тажабасмын,

Бириңден бириң өткөн азаматсың.

Досторум, келгиле үйгө,

Келинчегим

кабагын жаркылдатып казан ассын.

 

Тулпар

Тулпар турат айыбы жок табынан,

Айланчыктап кетпей жоокер жанынан.

Жоону сүрүп баратканда, жолбун ок,

Алып түшкөн ээсин тулпар жалынан.

 

Кимдер анын арман, бугун түшүнөт,

Ээсин жыттап туру ызалуу кишинеп.

“Алып чыгып кетер элем майдандан

Атказаарга барбы жакын киши” – деп.

 

Кууган душман келет ылдый жолколот,

Жаныбарым муну кайдан болжомок.

Көзү күйүп, көксөгөнү тулпарды

Кармап алып кетүү эле олжолоп.

 

Бет келди жоо, жеке кармаш баштады,

Атырылып ай туягы маштады.

Топту жарып, тоо таяна бергенде,

Ызаланган жоосу атып таштады.

 

Очорулуп турду, каптап кан жерди,

Кайра тартты, көргөн жоосу тан берди.

Калбыр кылып кабылганын туякка,

Жоокер жаткан жерге жетип жан берди.

 

Сүрөтчү айым

Көз чагылса назданган күлүңдөө бар,

Унуталбайм мен ошол жылмаюуңду.

Кусалуудай ал жазда, үнүндө бар

эле күүсү күкүктүн муңайымдуу.

 

Алыстатып эрке жел кайрыктарын,

Эске салат эңсөөнүн беймаал ишин.

Көңүл кушбак нерседен кайрып баарын,

Калган жалгыз жылмаюуң, бейтаанышым.

 

Жылдар кийин… адатым көнүп алган,

Көрүп келем кыдырып сүрөт жайын.

Ууртуна уурданып конуп алган,

уяң жылдыз

…баягы сүрөтчү айым.

 

Жан элең го каректе – көктөм, гүлзар,

Ыраа көрбөс сага эч ким улгаюуну.

Өзгөртүптүр өңүңдү өткөн жылдар,

Өзгөртө алган эмес ов, жылмаюуңу.

 

Мажүрүм тал

Жылжып агып бара түшүп капталдай,

Жылып кетер үмүтү анын акталбай.

Серпилет да кайра сууга малынат,

Кыймыл кудум ылаалаган аттардай.

 

Аккан суунун аздегине наз улап,

Жайнай түшүп жалбырагы жазылат.

Кучакташып куушуп ойноп кетерде,

Тартып алат, аттиң учур азыраак.

 

Таңдан кечке кайталанат көрүнүш,

Шагын улам сууга малып көнүмүш.

Мажүрүм тал бала ойноткон энедей,

Кыш түшкүчө ырахатка көңүл куш.

 

Жарашыгы арта түштү

Бизге жакын тумшуктан берки четки,

Жерге батпай дүйнө тар, эрки чектүү.

Үркүп чыкты бир кулжа, карап турдук,

Тоону айланып токойго жеткичекти.

 

Каргыганын карачы, каргыганын,

Карабастан түзүңбү, барбы жарын.

Көзгө илешпей көөдөнү аба жарып,

Көз ирмемде жолдун көр арбыганын.

 

Жиреп өтүп закымдар, табы-жалын,

Шири кылган мүйүздүн кабы калың.

Карпа-курпа чыкса эгер маңдайынан,

Кагып кетет каакымдай кабылганын.

 

Күн мемиреп, гүл жайнап барча түстүү,

Көлөкөсүз көйкөлөт арча түшкү.

Жаадай сызып баратса жалгыз кулжа,

Жарашыгы жайлоонун арта түштү.

 

Жомок

“Илгери өткөн заманда… –

деп, баштайт эне жомокту.

-Аттары күлүк, балдары,

болчу экен балбан, омоктуу”.

 

Анда айтат уккан небере:

-“Илгери эмес, кечээ эле,

Көргөмүн андай жомокту.

Ат менен келип мас байке,

Аңтарып кеткен комокту”.

 

Тору жорго минген кара кыз

Тору жорго минген кара кыз,

Тоо жолу будуң, тарагыз.

Жел тийсе жылгаң булуттан,

Үзүлө түшөөр арабыз.

 

Жаа сымал жоргоң, жүрүштөн

жан жактан жалбыз бүрүшкөн.

Жарк эте түшөт кез-кезде,

Жасалгаң жүгөн күмүштөн.

 

Күүлөнгөн шамал тумчугат,

Күрмөңдү койсоң кымтылап.

Желпилдеп учу жоолуктун,

“Жеткин” – деп мага умтулат.

 

Көрүнүш көркөм элетте,

Атчан кыз гүлдүү белесте.

Жолуксам экен, булутту

жамынып кете электе.