Керимбек Кадыракунов: Көргөн көзгө көркүң берип жарашык, Кай жеринде жүрдүң экен дүйнөнүн

Кай жеринде жүрдүң экен дүйнөнүн

Ишенимди келбейт менден издегиң,

Ынандырбас ыза аралаш биздеги үн.

Ашыктыктын арзуу сөзүн арнасам,

Сап башында турарың чын тизменин.

 

Салкын тартып турат быйыл күздө күн,

Салбырыңкы санаа артты бизге ким.

Ойлор келет оодарылган булуттун

оюмунан элесиңди издегим.

 

Мелжий кеткен көз талытар бийик бет,

Аскадайсың көккө умтулган бийиктеп.

Чамам жетсе чарк айланып бармакмын,

Учкан куштун канатынан кийип кеп.

 

Капилет күч берер балким бизге дем,

Ыкка салып ымаланы түздөгөн.

Качан, кайдан кабыларың биле албай,

Карыптаймын жоктон үмүт үзбөгөн.

 

Чиеленген турмуш, күчөп күймөлүүм,

Илмек учун таппай келем түймөнүн.

Көргөн көзгө көркүң берип жарашык,

Кай жеринде жүрдүң экен дүйнөнүн.

 

Таңда барам

Кечигүүм бар, жүйөсүз, чамдабаган,

Илбериңки иш жайын камдабаган.

Бүттү баары, кайылмын калайманга,

Караңгыны калтырып таңда барам.

 

Таңда барам, өзүңө таңда барам,

Тагдыр, буйрук жөн мезгил тандабаган.

Ак шоолалуу ажайып учур экен,

Көз, көөдөндү күңүрттүк жандабаган.

 

Жүргөн элем оорутуп жүрөгүмдү,

Адаштырбайт көңүлдө кине кимди.

Калпыс ишти калтырдым коюу түнгө,

Сезем таңдан сергитер илебиңди.

 

Жолуң татаал, дит бурар чанда кадам,

Балким бороон, уюган чаңга калам.

Кучагыңа арзыбас, тарткан азап-

кууралымды калтырып,

Таңда барам!

 

…Түшпө убайга

Мүмкүн эмес муну төгүндөө.

Муңайым, суз санаа өңүндө.

Эриндери эрксиз кымтылат,

Айтылбас сыр, эмне жөнүндө?

 

Назарына жандын илинбей,

Уйпалаган убай билинбей,

Жүргөн менен көптүн ичинде,

Барга таңсык эмес бириңдей.

 

Жан дүйнөңө бүлүк түшүргөн,

Жагдайыңды жок го түшүнгөн.

Жүргөн жандар ылым санашып,

Көрүшөт го көңүл ишин жөн.

 

Жүрөктү эзбе сулуу муңайба,

Жалгызсынба, түшпө убайга.

Көркүңө мас, көптүн ичинде

теңеген бар сени күн-айга.

 

Кепилдигин көргөнсүймүн бактыман

Балким алыс аралыкта турарбыз,

Жокко алаксып, барга көңүл бурарбыз.

Келип кеткен кербендерден каттаган,

Билем, барын абалымды сурар кыз.

 

Асыл ойдун аялуу бир сезими

кылт дей түшсө,

Кут даарытып жүзүмү

үлпүлдөтүп жумшак сылап өткөнсүйт,

Кусалыктын ак булуттай үзүмү.

 

Күндөр учат сызыгындай чийменин,

Кезигишпей кош изиндей чийненин.

Тирлигибиз ушаланып өтүүдө,

Уучунда улутунган дүйнөнүн.

 

Күүгө салып жүрүп Күкүк Зейнепти,

Көрүшкөн да, көрүшпөгөн бейне өттү.

Сизге аралжы кайсы мезгил,

бизде күз –

кайтаар күндүн акыбети мээнеттүү.

 

Жакшы кабар келе турган жакты улам,

Көз талытып карайм, күтөм, жактырам.

Ушул күздүн,

түшүм күткөн дыйкандай

кепилдигин көргөнсүймүн бактыман.

 

Сүйүүсүнө окшойт…

Чарчоо билбей улап ишин жай,

Бир калыпта жылат тушумда ай,

Саманчынын жолу –дан аңыз,

Жыйылгансыйт быйыл түшүм жай.

 

Тыным албай агат мөл булак,

Көгүш жиптей койгон көлгө улап.

Самсаалаган кайың кабыгы

жылт дейт түшөт кез-кез желге ынак.

 

Жактырганым гүлү кыраңдын,

Жел термесе – бели бураңдын.

Ирмемине түнкү жылдыздын,

Түсү өзгөрөт жашыл ыраңдын.

 

Каалгыган булут тынат жай,

Адыр бойлоп жел жок дымак жай.

Этегинде эки ак кайың,

Тоодон түшүп келген ынактай.

 

Аппак кайың, тиктейм, жалгызмын,

Эсте элеси унут калгыстын.

Жел сүйөгөн эрке наздыгың,

Кылыгына окшойт ал кыздын…

 

Жалгыздык

Кыраңда кайың жалгыз түп,

Карааны унут калгыс түк,

Көкүлүн сүйөп булутка,

Көтөрүп турган жалгыз жүк.

 

Түс үйрүйт шамал кез-кезде,

Түгүнөн кыпын алгыс түк.

Кабыгын кагат ак мөндүр,

Кызыгын артпай калгыз, шүк.

 

Буулугуп булбул куш конот,

Бурулбай өтсө жангыз шык.

Тутантып өртүн сезимдин,

Күү төккөн сайын кангыз бук.

 

Кучакка кумар толсо да,

Кыялы кырда калгыз түк.

Өзөнгө ашык кайыңды,

Аттиң,

Тутамдап турат – жалгыздык!

 

Жөндүү билип жүргөнүң

Нарк бааланып базарда,

Түшүп калсаң назарга:

-Бир сом төлөп,

“сдача…”

тим эле кой- демекмин.

Жөндүү билип койгонуң,

Экениңди демек, ким?

 

Жүргөнүм жакшы тумчугуп

Алганым менин тың чыгып,

Айтканын жүрсөм тынч угуп.

Жемелейт:

– Тирүү кишидей,

койчу- деп, кез-кез унчугуп.

Кокуйду даана көрсөтөт,

Катуураак кетсе үн чыгып,

Акыйнек араң басылат,

Ай батып, кайра күн чыгып.

Алыма карап, а көрөк

жүргөнүм жакшы тумчугуп.

 

Кетти акыры “секеттеп”

Талкан көөлөп каймакка,

Таттуу кошуп шөкөттөп,

Берди уулуна чоң эне,

Шоколаддан өтөт-деп.

Куушуп ойноп кумайык,

Бирге жүргөн этектеп,

Көөлөп берген талканын,

Кетти акыры “секеттеп”.