Кенан Чарбога: Оо, алар – дарбазасы жаннаттын да, Анан бул баштын куттуу таажысы нак

Түркиянын учурбап акыны Кенан Чарбога 1983-жылы Түркиянын Сивас өрөөнүндө төрөлгөн. Болу шаарындагы Абант Иззет Байсал университетинин Педагогика факультетин бүтүргөн. Азыр Сивастагы Жумхуриет (Республика) университетинде Түрк Дүйнөсүнүн көркөм кенчи изилдөө борборунун башчысы. Түрдүү багыттагы 14 китептин автору. Алардын көпчүлүгү ыр жыйнактары. Түрк дүйнөсүнүн Алыкул Осмонов (кыргыз), Олжас Сулейменов, Мукагали Макатаев (казак), Микаил Муштик (азербайжан), Мустай Карим (башкыр) сыяктуу бир катар көрүнүктүү акындарынын поэзиясын түрк тилине которгон.

Биздин энелерибиз

Оо, алар – дарбазасы жаннаттын да,
Анан бул баштын куттуу таажысы нак.
Издээри көзүбүздүн – жан ачышса,
жанды да сактап турат дары сымак.

Күн чыкпайт – эгер эне ойгонбосо,
Колдору – мунаралар таң азанкы.
Асманга айды алпарып койгон ошо,
Кыялы жылдыздарды кармайт жалпы.

Жыңайлак кош айдаптыр – баарын тежеп,
Таманы – тикендүү кең кылаа белем.
Жыртылган көйнөктү жаап жамачы этек,
Жымсалдайт колун дайым хна менен.

Созгону “Сары-Камыш”… тандыр жагып…
Йемендин кууруйт чөлү кайран жанды.
Хна түс бармактарын кайгы каарып,
Кылт эстейт – барып… кайтпай калгандарды.

Бейсайып жасанбаган, өзгөрбөгөн,
Береги Анадолу экен нак бу?!
Карызбыз энелерге көздөй көргөн
Калтырган үчүн бизге Мекен-бакты!

Оо, алар – дарбазасы жаннаттын да,
Анан бул баштын куттуу таажысы нак.
Издээри көзүбүздүн – жан ачышса,
жанды да сактап турат дары сымак.

Ажырашуу асирети
Сен кеткен соң селейгем – көңүлүмдү көөмп кайгы,
Айланамды, дүйнөмдү сары түстөр жаап такыр.
Жарык жүзүң жок үчүн сокур болуп көз калды,
Карабадым башка жүз… баралбадым даап жакын.

Соолуп турса гүл жүзүң – тиктеш арам башканы,
Соо койбочу өңдөнөт тирүү туруп өлгөн жүз.
Жүрөгүмдө деп билгин сен чалдыккан дарт дагы,
Билип туруп буларды – жолду экиге бөлгөнбүз.

Ыраазы элем өлгөнгө – ажырашмак ордуна,
Ташты кесер бычагың мууздаса эп болчу, кап…
Исмаилдей башымды созуп сага койдум-аа,
Атыңды бир атап мен “кетсемчи”, аттиң, коркурап.

Бурулбаган болсо эгер башка жакка башың ал,
Өз жериндей көрбөсөң өңгө, бөтөн жерди сен –
Эзилип мен ушунча, төкпөс элем жашымы ал,
Таң желине чачыңды өз корооңдо желписең…

Айрыкча Күн чыкканда кайгырамын жутуп кан,
Алтын, күмүш шооласын аянбастан чачканда.
Кар алдына Огуздун роза гүлү тушуккан!
Күн тумшугун сезерсиң – жаткан сымал капканда.

Сезгин, бирок, көрүнбө улуу Күндүн көзүнө,
Караңгыда, камакта, элден окчун жашагын.
Инсан тургай, азыткы жете албасын өзүңө,
бар экениң билбесин… – тилейт сүйүүм атайын…

Жомок

Сан жылкы айдаган сулуу сен!
Зоот кийген шер менмин бүгүнкү!
Эл билбейт… Сезбейсиң муну сен –
Жашырып коргоймун сүйүүмдү!

Сен күлсөң – турат туум желбиреп,
Кирпигиң – кайыңдан жебелер.
Изиңди жоготуп – делдиреп,
Ат чапсам – туңгуюк теребел…

Чапкылайм өйдө-ылдый жайыкта,
жан-тери шорголойт кунандын.
Кыйналды кыял да чабыттап,
Толгон ай тоскондо кубандым.

Жайлоодо, кыштоодо, чабуулда
Жүрөгүм сени издеп… таап турат.
Кылычта, кында сен – жанымда,
Айыл, журт билчү эмес абдырап.

Жашырып коргоймун сүйүүмдү!
Эл билбейт… Сезбейсиң муну сен.
Зоот кийген шер менмин бүгүнкү!
Сан жылкы айдаган сулуу сен!

Эгер кетсең – мен өзүмдү сагынам

“Кетпе” дебейм, “Кеткин” дебейм, үйрөнгөм,
Эгер кетсең – мен өзүмдү сагынам.
Таарыныппы, кызганыппы сүйгөндөн,
Эгер кетсең – мен өзүмдү сагынам.

Жылдарымды көз ирмемге айлантпа,
Кел деп жатам, келгин, жаным, кайра артка.

Булбул болуп таңшыганды билбейм эч,
Кургур болуп нан сурарды билбейм эч,
Сагынычтан кансырарды билбейм эч,
Эгер кетсең – мен өзүмдү сагынам.

Ажыроону жеңиш-шаңга айлантпа,
Кел деп жатам, келгин, жаным, кайра артка.

Арыз-муңум эринде эмес, тилде эмес,
Тос кулагың, айтам сөздү иргебес…
Кеткениңдин жоктур баркын билген эч,
Эгер кетсең – мен өзүмдү сагынам.

Колдоруңду, кокуй, канга айлантпа,
Кел деп жатам, келгин, жаным, кайра артка.

Кусалыктын бешик ыр

Уктайт бөбөк – кусалыгым жетилтем,
Караңгылар эмет түшүм сүт түстүү.
Чындан-калптан бешик ырын созомун
Өзүм тапкан калпка толук ишенип.

Билем, мээмди чырмап турат бешик ыр,
опоосу анын барбы, жокпу – сураш жок.
Үргүлөйм ыр көлөкөсүн ык тарта,
Үрүл-таңды тосом кээде чекчейип.

Сен келгендей чуркап чыга жаздаймын
Өтбаратып шамал тийсе каалгама.
Суук жүзү бет келишип чындыктын,
Сүйүнч кайтат уясына миң жылдык.

Күтпөс мейман – бүтпөс коркуу сезимим
сенден кийин мени жалгыз таштабайт.
Кайда барсам, эмне кылсам – аркамда,
сурап койбой, сабырымды кемирип.

Скальпель – ат. Чуркайт жүрөк үстүндө.
Жалгыздыгым шар-р деп ичке төгүлүп…
Сарсанаада мойну кайрык үмүттүн,
Алыстыктар байлап колум кырк жерден.

Күнбарактан күндөр ыргып тынымсыз,
Кечегиден бүгүн, эртең кандуу кол…
Сен жок кезде тарткан демим арамдай,
Ар кадамым – төккөн каардай жашоого.

Түн киргенде тажаалданат кусалык,
Бешик ырым чаң-будуңга айланып.
Терметем да салып эне мээримин,
эң оболу кусалыкты жетилтем…

Коркпо такыр – мен бармын

Сезим сымал нурларын Ай каптатса,
Сеңселген чач жаба калса жүзүңдү…
Түн бир оокум уйку кирбей так катса,
Кол-буту жок арбак кармап бүчүңдү –

Коркпо такыр – мен бармын!

Дарт басса да келемин мен, кайгырба,
Далай кептер жүрсө мейли “көрөсөн”.
Мен турамын жандап сени ай-жылда,
Мээрим качып, жок болсо да көлөкөң –

Коркпо такыр – мен бармын!

Кыял менен өстү көңүл баладай,
Сен да жылдыз болуп көктөн түшкөнсүң!
Унутармын башка баарын – карабай,
Жашайм сен деп, сенсиз – баары бүткөн күн!

Сен үчүн да мен өлөм!

Ажап болмок – унутсам

Жаным сынып – канатты жүрөгүмдү,
Сөздөрдү үйдүм – калкалап анын атын.
Дастан жазып,
Ыр кошуп,
Альбомду өрттөп,
Канча шаарда жүрбөдүм каңгып… тентип…

Мерт болгон соң ичимде мезгил –
Сени
Каттым Шумер эскерткич тактайына,
Этрускиге код менен кийрип салдым,
Чектим аппак пирамидага жүзүң…

Мезгил менен Мекен-Жер айкалышпай,
Бир-биринен мынчалык узак неге?
Арбын ырды атына үйө бербей,
Ажап болмок унутуп салсам атын…

Жакшы

Үч күндүк бул дүйнөдө
Мекен жакшы, эл жакшы!

Мекеним деп арзычу
Жүрөк жакшы, тил жакшы!

Сүйүүсү тоо өрттөгөн
Бөрү аталуу кул жакшы!

Көксөгөнгө жеткирер
Мерчем жакшы, жол жакшы!

Огуз кандан тараган
Жыйырма төрт кол жакшы!

Ата салтын ардактап
Элхан-Баатыр – шол жакшы!

Алптар басып алышкан
Дайра, деңиз, көл жакшы!

Атырылып Алтайдан,
Аалам чарпкан сел жакшы!

Ошол селге жан кошкон
Тоолор жакшы, чөл жакшы!

Тянь-Шандан Дунайга
Эсип жеткен жел жакшы!

Алптар атын мүргүтпөс
така – темир чел жакшы!

Серпилген кыз чачынан
Комуздагы кыл жакшы!

Баары гүлдүн кооз! Бирок
Байка, роза гүл жакшы!

Аппак роза ансайын
Алоолонсо – бул жакшы!

Көлөкөсүн, жытын бир
Аллам сунса – мөл жакшы!

Көлөкөдө так ошол
Көөшүп, акын, өл жакшы!

Эчкирерсиң

Жар экениң жүрөгүмдөн
Өчүргөндө эчкирерсиң.
Көксөгөнүң бул өмүрдөн
Көчүргөндө эчкирерсиң!

Идеядан кайткан сымал,
Бар байлыгым чачкан сымал,
Жүрөк аттай качкан сымал –
Алыстасам эчкирерсиң!

Жоюлдум мен жоюш үчүн,
Бөксөрдү акыл – толуш үчүн,
Мен бактылуу болуш үчүн –
Ант бергенде эчкирерсиң!

Ачуулан же ыйла баштан,
Баш айлантат – жыйбай… шашсаң,
Таттуу сүттөн – кычкылы ашкан
Кымыз болсом эчкирерсиң!

Алаам болуп – жаның кажып,
Сабыр, чыдам – жалын катып,
Көз жашымды да кургатып,
Күлгөнүмдө эчкирерсиң!

Сүйүүнүн маа жаны ачы-ыр бир,
Жанбай чырак баратыр бир,
Сенсиз жашоо чарасын бир
Тапканымда эчкирерсиң!

Кош келипсиң!

Мезгилим бүт – кыш чилде эле,
Чыгып кетти сен келгенде.
Көңүлүмдө суук бирге эле,
Жылып кетти сен келгенде.

Сен жок… жарым кезим менин,
Сел-кайгыда эзилгемин,
Жылаңайлак сезимдерим
Чуркап тосту сен келгенде!

Дилдиреп бой айкын-ачык,
Дилим жарк деп азык атып,
Ширин кыял тапыратып –
Толкун басты сен келгенде!

Жыгыларда кармап бергем –
Мен өзүмдү алгач жеңгем,
Чачыңа сыр байлап келгем –
Тамтаң бастым сен келгенде!

Аалам, Турмуш – жарык бүгүн,
Андан сени алып бүгүн,
Канаттарын тагып сүйүүм –
Доорлор ашты сен келгенде!

Ким экеним тастыктоо

Илегилек уясынан ыргыткан
Балапанмын, кичинемин, алсызмын.
Туугандарым жашаш үчүн – ый жуткам,
Апам деле тааныбаган арсызмын.

Ырасында Апам деле тааныбайт,
Ырыскымды туугандарым бөлүшүп.
Мындай мыйзам бул дүйнөдө барын айт,
Кимдер менен келмек элем сөгүшүп?

Көөдөнүмдү урам кимге даттанып,
Көч деген бар – узак сапар коштогон.
Канатыма каруу толбой ташталып,
Күч жок учаар, орунумдан козголоор.

Учпаса да учкандарды көрсүн деп,
Убал-соопсуз тагдыр ичке имерген.
Апам мага чечим алган өлсүн деп,
Өлтүрбөстөн өлүм көздөй жиберген.

Ажал алып кетсин деген ой тапкан
Апам менин – эң биринчи талапкер.
Тура калып былбыр жанга ор казган
Туугандардын жеми анан да… карап көр.

Жатат дагы туугандарга жем болуп
Денем, жаным, жылмайганым, үмүтүм.
Эзилгендин эң башкысы мен болуп,
Эңсеп карайм уям жакты күнү-түн…

Мага роза жөнөтчү

Мага көгүш роза жибер, асманыма тагайын,
Сагынганда көздөрүңдү, асты жактан карайын.

Көздөрүң го көңүлүмдү жарк эттирген, жалп баскан!
Көрпенделер нечен ирет бакыт тапкан, дарт тапкан!

Жароокерим, өзүңө мен багындым да, жалбардым!
Чаң-тозоңу алай-дүлөй, чарт-чу-урт – сенсиз калган күн!

Катуу жиреп барып өрдү – кадам сайын кем болдум,
Карга-кузгун, жырткычтарга капыл-тапыл жем болдум!

Мен жем болсом – мен эле эмес, мээнет-саанат, дартым жем,
Бийиктиктин бийи болгон тоолор кулап айкырды эң!

Соолуп, какшып булагым,
Чынар болуп суладым!

Бардык жак – сен, кайда гана бурулбайын – сен барсың,
Баарын жеңдиң кусалыктын, табылды бүт кем-карчым…

Көк мейкинге көз атсам да – чагылышты көздөрүң,
Жылдыздардан гүл тагынган – өзгө тулкуң, өзгө өңүң!

Роза гүлүн жибер, демек – айкөлдүгүң даңкталсын!
Күлгөнүңдө гүл ачсын ал – сүйүүм экөө жарк жансын!

Жарым, сени унутпадым

Кусалык маа ыктайт ченсиз,
Күн-түн эстейм муюп баарын.
Асмандан күн чыкпайт сенсиз,
Аздан, аздан куруп жаным.
Асыл жарым, унутпадым.

Шайтан бизди жети алдаган,
Табыт болдук жете албаган,
Тозоктобуз – кете албаган.
Жиндим, сыйкыр, урушчаагым,
Жылдар бою унутпадым.

Жарам бүтпөйт, доктур кайда…
Жарга алпарып соктуң кайра…
Жашап жүрөм окчун жайда…
Эстен танып… туюк баарым,
Эгерим бир унутпадым.

Шайтан ою жеңген сымал,
Шашпай эсим келген сымал,
Атың – азыр келмем сымал.
Каңгыса да улук жаным,
Кайра күчөп унутпадым.

Түрк тилинен кыргыз тилине которгон: Кожогелди Култегин