“Майдан” романынын майданында
Узакбай Абдукаимов менен кайрадан кездешип, кайрадан көркөм чыгармачылыктын татаал жолдорунда дал ушул залкар ишмердин өзүнүн жеке адабий тагдырына кадимкидей катышып, күбө болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Ырас, элүүнчү жылдардын экинчи жарымында Ленинграддан кайтып келгенден кийин Узак ага менен көп эле жолугуп, көбүнчө тиричилик-турмуш деңгээлинде сүйлөшүп, аңгемелешип деле жүрдүк. Фрунзе шаары анда азыркыга салыштырганда өтө эле чакан эле, “Ала Too” кинотеатрынын тегерегинен, “Дубовский парктан”, Дзержинский бульварынан айрыкча дем алыш күндөрүндө каалаган кишиңе жолугуп калышка толук шарт бар болчу. Узак аганы көбүнчө балкар акыны Кайсын Кулиев, котормочу С.Бектурсунов, адабий сынчы Ө.Жакишев, дунган акыны Ясыр Шивазанын ж.б. чөйрөсүнөн көрүп калчу элем. Анда мен да адабий көркөм процесске анча-мынча аралашып, “активге” кире баштаган учурум, ошондуктанбы, же жогоруда аталган адамдардын жашы бир кыйла жогору болсо да мени сыйлашабы, айтор тобуна кошуп алышчу. Арийне мен өз абалымды сезип, дистанцияны сактоого, чектен чыкпоого зор аракет жасачумун. Мындай капыстан болгон жолугушуулар көп эле болгон. Айтайын дегеним, ошондой кездешүүлөрдүн биринде да баягы жарыкка чыкпай калган шордуу китепченин “сыры” жөнүндө мен да батынып эчтеке сураганым жок, Узак ага да “эчтеке болбогондой” унчукпады. Ал маселеге, өзүнүн негизинде каргашалуу, кирдүү-ыплас маселеге, кайрадан кайрылуунун эч кандай зарылдыгы жок экенин ал киши дагы, мен дагы жакшы түшүндүк. Мунун ички себептерин, психологиялык татаал бурулуштарын өз башыман өткөрүп келген мен өзүм кандай сезсем, анын ички татаал “механизми” кандай экенин, ал эмнеден турарын Узакем сөзсүз таасын билчү.
Ырасын айтканда, Узакбай Абдукаимов табиятынан чоң акын, чоң прозаик экенин баарыбыз эле билчүбүз. Эгерде андай акындык, прозаиктик потенциал жок болсо, анда Пушкин менен Байронду, Гоголь менен Чеховду кыргызчага которууга батынат беле. Дүйнөлүк адабияттын классикалык үлгүлөрүн кыргызча сүйлөтүү үчүн эки тилди билүү жөндөмү, эки тилде бирдей сүйлөй билүү артыкчылыгы алда кайда жетишсиз. Улуу котормочунун алдында улуу классиктердин көркөм “байлыгын” коротпой, коромжуга учуратпай өз эне тилинин мүмкүнчүлүктөрү менен кайрадан жаратуу милдети турат.
Бирок ушундай таланттуу адам өзүнүн төл чыгармасын жазбаганына, тагыраак айтканда, көркөмдүк толук мүмкүнчүлүктөрү бар туруп, төл чыгарма жазганын токтотуп койгонуна, жеке мен өзүм, таң калчумун, жооп таба албачумун. 1930-жылдардагы кыргыз повесттеринин ичинен эң татынакайынын бири “Кыздын таалайы” аттуу повесттин бүтпөй калышы, ошондой чыгарманы жарата баштаган автордун кийин “үн чыгарбай” токтолуп калышы мен үчүн жандырмаксыз табышмак болчу.
Ошентип, биз ал кишиден оригиналдуу эчтеке күтпөй, жашы элүүдөн өтүп калган учур, мындайча айтканда үмүт үзүлүп калган кезде адегенде “Ала Too” журналына айрым үзүндүлөрү, ал эми 1961-жылы “Майдан” романынын биринчи китеби жарыкка чыгып келди. Эгерде жалпы сомосунан алып карасак, романдын пайда болушу, бул принципиалдуу түрдөгү күтүүсүз көрүнүш. Күтүүсүздүк – бир жагынан Узакбай Абдукаимовдун котормочулукка кеткен көп жылдардан кийин роман жараткан фактысы болсо, экинчи жагынан чыгармада сүрөттөлгөн согуш турмушунун мурда айтылбагандай чындыктуулугу болду.
“Майдан” романынын биринчи китеби жарыкка чыкканда Узак агай 52 жашта экен. 54 жашында каза болду. Экинчисинин типографиялык китеп болуп жаралышын көрбөй кетти. Бул чыны менен “Аккуу ыр”, Узакбай Абдукаимовдун адабий керээзи. Ал жашоо өмүрүнүн финалы жакындап келип калганын жазбай сезген. Тагдырдан ушул финалга берилген мөөнөттүн жылына, айына, жумасына, күнүнө чейин так эсептеп, чектелген ошол мөөнөттү бир гана “Майдан” романына эксклюзивдүү жумшоого багыттайт, Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү өзүнүн гана чындыгын жазып үлгүрүүгө далалаттанат. Артыкбаш болбос бир үзүндү келтирели: “1941-жылдын 15-ноябрь күнү таңга маал Москванын тегерегиндеги токойлор жымжырт болуп, тунжурап, кызыл карагайдын баштары гана желге акырын күүлдөп, акырын ыргалып, кучак жеткис көөдөндөрү акырын кычырап турду. Ак көйнөкчөн келиндей болгон ак кайыңдар, арча карагайлар жай баракат теңселип, түнт токой мурунку калыбына келип, мурункусундай магдырап, таң атаркы боз закымга оролуп, жаратылыш жай алып тургандай эле. Токойдун тынчы кеткен канаттуулары, айбанаттары, кайтадан тынчып, кайтадан үн алышып, кайтадан эркин учуп-конуп, ээн-эркин чуркап, кайрадан тилге кирип, кайтадан өздөрүнүн дооранын сүрө баштаган эле. Тынчы жок адамдардын шойкуну басылып, дүйнө өзүнүн тынч бешигине кайтадан жатып, жер кайтадан бейпилчилик, ырыс- таалай, сүйүү, кубанычка маарып тургандай болчу”.
Бар болгону пейзаж, кадыресе Москванын токою, канаттуулары, айбанаттары, бирок кандай конфликтүү көрүнүш, бул жерде болуп согуштун кандай драматизми, кандай коркунучтуу элеси көз алдыга келет Бул пластикалык образды жараткан кыргыз сөзү, бирок таптакыр эч кимде жок, мурда дегеле болбогон романдык ой жүгүртүүнүн негизинде, жаңы стилистикалык, образдык системанын негизинде. Романдык пафос, романдык ой жүгүртүү жана образ системасы, бул согуш чындыгын сүрөттөөдөгү принципиалдуу жаңы көз караш, жаңы көркөмдүк концепция.
Kөп узабай, чукул түрдө, романдын “типографиялык изи” тарай электе Аалы Токомбаев “Майдан” романы жөнүндө учкай сөз” (“Советтик Кыргызстан”, 11-март, 1961) деген макаласын жарыялайт. Бул макаланын түпкү максатын жана ал максат кандайча ишке ашырылганын түшүнүү үчүн автордун буга чейинки ушул типтеги, ушул мүнөздөгү айрым макалаларына кыскача экскурс жасоого туура келет. Маселен, А.Токомбаевдин адабий коомчулукта кеңири резонанс чакырган төмөнкүдөй макалаларын атасак болот: 1) Ясыр Шивазанын “Чыныгы жазуу” деген лирикалык жыйнагы жөнүндө “Чоң акынга чоң эскертүү” (“Советтик Кыргызстан” журналы №8, 1948-ж); 2) Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Ч.Айтматовдун редакциясы менен жарыяланган “Манас” эпосунун биринчи тому жөнүндө “Эпос жөнүндө эки ооз сөз” (“Ленинчил жаш” 13-октябрь, 1979); 3) Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” жөнүндө “Бетме-бет кеңири кеңешели” (“Ала Too” журналы, №7, 1956).
Көрүнүп тургандай, бири-бири менен эч кандай ички байланышы жок үч башка тема, үч башка проблема. Ошого карабастан ар башка, ар түркүн болуп көрүнгөн бул макалалар А.Токомбаевдин адабиятка, көркөм өнүгүш процесске болгон уламдан-улам арылап, тереңдеп отурган көз карашы, эстетикалык позициясы менен толук ширелип жаралган акындын чыгармачылыгындагы өзүнчө бир адабий-сын тилкесин түзөт. Бул макалаларды цементтеп, бириктирип турган касиет-сапат ар бир макаланын алдына коюлган идеялык пафос гана эмес, эң башкысы, аналитикалык ойлордон улам сөзсүз түрдө өкүм, вердикт формасында чыгарылган жыйынтык. Айталык, советтик дунган акынынын лирикасы, Т.Сыдыкбековдун романы, А.Токомбаевдин мүнөздөмөсү боюнча социалисттик реализмдин алкагынан чыгып кеткен чыгармалардын катарында жатсын, макул эле дейли, бул А.Токомбаевдин көз карашы, ар ким өз позициясын ээлешке толук акылуу жана укуктуу, а бирок Сагымбайдын “Манас” варианты жөнүндөгү жыйынтыгы (“улутчулдук вариант”, “пайдалануудан алынып ташталган вариант”) эч кандай негизи жок жасалган өкүм, вердикт (“Советская Киргизия”, 11 -август, 1987) болуп эсептелинет.
Аалы Токомбаевдин “Майдан” романы жөнүндөгү макаласы да эч кандай буруу-терүүсүз дал эле ушул штампка салынып жазылган. Ал тургай макаланын аттары да (“… эки ооз сөз”,”… учкай сөз”) бирдей стандарттан чыкканы өзүнөн-өзү эле дааналанып турат. Ал эми макаланын аналитикалык мазмунунан чыгарылган жыйынтык мурдатан бери традициялуу түрдө туруктуу өнүктүрүлүп, өркүндөтүлүп келе жаткан автордун концептуалдуу позициясын ого бетер чыңап, бекемдеп, ал турмак дал ушул макалада апогейине жеткирилген десем аша чаппайм. Анда окуп көрөлү: “Корутундулап айтканда автор бул чыгармасында социалисттик методун четке каккан. Чындыкты тескери бурмалап көрсөткөн. Автордун саясий, адабий позициясы жок. Партиянын жетекчи жана уюштуруучу ролдору таптакыр эске алынбаган. Согуш күндөрүндөгү эбегейсиз эмгек, патриотизм, элдердин бирдиги менен достугу, аракеттери көмүскөдө калган”. (Садык Алахан. Узакбай Абдукаимов жана “Майдан” талкуусу. 44-бет. Бишкек, 2000). Мындай каардуу саясий жыйынтык кыргыз совет адабиятынын тарыхында бир гана жолу болсо керек эле, менин эсимде бар, ал А.Токомбаевдин өзүнүн “Кандуу жылдар” романы боюнча. Тезис формасында берилген “Майдан” романы жөнүндөгү корутунду, бул, эгерде сомолоп айтсак, жалаң эле социалисттик реализм принциптери эмес, дегеле коммунисттик идеологиянын саясий эрежелерин, жол-жоболорун, көрсөтмөлөрүн бүтүндөй камтыган өзүнчө бир программалык жыйынтык десек болот. Андай болгон соң, пафосу боюнча каардуу жана бийик лозунгалар (партийный жетекчилиги, патриотизм, элдердин достугу ж.б.) менен жамынган өкүм карандай декларация эмес, ишенимдүү далилденген талдоонун негизинде келип чыгыш керек.
Белгилүү эмеспи, А.Токомбаев бул жагынан көп тажрыйбалуу aвтор жана машыккан полемист. Ар бир тезистин ишенимдүү болушу; аргументацияланышы жана далилдениши эң зарыл шарттардан экенин ал жакшы билет жана ага катуу жоопкерчилик менен карайт. Бул маселенин бир гана жагы. Экинчи, негизги жагы тезисти далилдөө, аргументациялоо, ишенимдөө эмнеге негизделет, ал кандайча реализацияланат, кандай жолдор менен ишке ашырылат, проблеманын маани-маңызы мына ушунда. Проблеманын мына ушул экинчи, негизги жагына келгенде өзүнөн өзү суроо келип чыгат: Ясыр Шивазанын “Чыныгы жазуу”, Т.Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери”, У.Абдукаимовдун “Майдан” романы үчөө үч башка чыгарма экенине карабастан, анын үстүнө алар жөнүндөгү макалалар үч башка мезгилде жазылганына карабастан, эмне үчүн бул макалалар ички мазмуну боюнча да, жыйынтыгы боюнча да бири- бирине окшош болуп чыгат: Бул кокустукпу, же мында кандайдыр бир закон ченемдүүлүк барбы… Ооба, автору бир эле киши, болгондо да катардагы бирөө эмес, өзүнүн бекем стили, туруктуу көз карашы бар Токомбаевдин өзү. Ошондой болсо да үч башка стиль, үч башка поэтикалык көз караш менен жаратылган көркөм чыгармалар, кандай гана болсо да, сынчынын макаласында өз “изин” калтырып, ар бир макаланын өз алдынчалыгын бекемдеши керек эле го. Натыйжада андай болбой үч макала тең штамптан чыккандай бир түстүү, бир түрдүү болуп жатпайбы. Көрсө, булардын бири-бирине мазмуну боюнча да, жыйынтыгы боюнча да опокшош болуп калышы түк кокустук эмес, тескерисинче, накта эле закон ченемдүү көрүнүш экен.
Кайдан чыгып жатат бул закон ченемдүүлүк? Көрсө, өзүнө мүнөздүү бекем стилди, өзүнө гана таандык бекем көз карашты Аалы Токомбаев бир гана максатка, бир гана багытка жумшайт, натыйжада бир түрдүү далилдөөдөн, бир түрдүү талдоодон табиятында бири-бирине окшошмок турсун, дегеле жакындашпаган үч башка көркөм чыгармадан (“Чыныгы жазуу”, “Биздин замандын кишилери”, “Майдан”) бир түрдүү жыйынтык келип чыгат.
Кандай болсо да А.Токомбаевдин сын макаласы, эң оболу, кыргыз адабиятынын тарыхында өзүнүн мазмунуна, тенденциясына жараша кызматын өтөдү. Бул жөнүндө майдалап айтпаса болбойт. 1958-жылы Москвадагы кыргыз искусствосунун жана адабиятынын декадасында мурда эч ким билбеген, аты чыга элек Ч.Айтматовдун “чуу чыгарган” ийгилигинен кийин кыргыз жазуучуларынын арасында экиге жиктелүү процесси башталат (“Токомбаевчилер-Айтматовчулар”). Жазуучулар Союзунун жаңы председатели – Токтоболот Абдумомунов. Эки паритет-секретарь бар болчу: Ш.Бейшеналиев жана С.Эралиев. Ошол учурда кыргыз жазуучулар союзу “Кирпотребсоюз” деп аталган мекеменин биринчи этажында жайгашкан. “Кабылдамага” кирип сол жагына бурулсаң Т.Абдумомуновдун чоң кабинети, өтө эле зарыл иши барлар кирбесе, ал эшик тынч болчу. “Кабылдаманын” оң жагына бурулсаң эки эшик, бири – Ш.Бейшеналиевдин, экинчиси – С.Эралиевдин кабинети. Мына бул тараптын тынчы жок. Бул тарапка келген жазуучулар бөлүнүп, жиктелип, тандап, же Ш.Бейшеналиевдин, же С.Эралиевдин кабинетине гана киришчү. Кыргыз жазуучуларынын “экиге бөлүнүшү” дал ушинтип башталган. Ш.Бейшеналиевге киргендер – “Токомбаевчилер”, С.Эралиевге киргендер – “Айтматовчулар”, бул түшүнүктүү.
А.Токомбаевдин “Майдан” романы жөнүндө учкай сөз” деген макаласы кыргыз жазуучуларынын арасындагы дал ушул экиге бөлүнгөн тенденцияны ачыкка чыгарды, бөтөнчө талкуунун процессинде “ким эмне сүйлөйт”, “кай тарапты колдоп сүйлөйт”, алдын ала трибунага жетелекте эле сезилип жатты. Талкууга активдүү түрдө 23 киши катышыптыр. Эгерде Председатель Абдумомуновдун “кириш” жана “корутунду” сөзүн эске албаганда 22 оратор (анын ичинде романдын автору жана сындын автору бар) чыгып сүйлөшүптүр. Даярдыгы терең мыкты адабият изилдөөчүсү Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович) талкуунун стенограммасын адегенде “Ала Too” журналына, андан соң өзүнчө китеп кылып жарыялап, эч апыртуусуз сонун иш аткарды.
Талкуунун жүрүшүн башкарган Т.Абдумомунов сөз кезегин берүүдө өзүнүн чоң искусствосун, драматург эмеспи, көргөзүптүр. Мен бул кырдаалды, болгондо да драмалык кырдаалды, анда талкуунун процессинде эч байкаган эмесмин. Стенограмманын китеп болуп чыккан вариантын карап отурсам, сөз берүү кезеги, сценарийи атайы эле иштелип чыккандай (жекече өзүбү, же секретариат менен биргеби, билбейм). Айтор кандай болсо да сөз берүү сценарийи алыскы максатка эсептелингени, басым коюлчу жерге өз учуру менен басым коюлганы азыр апачык эле көрүнөт.
Биринчи сүйлөгөн С.Жусуев проза секциясынын жетекчиси, андан кийин эки аксакал жазуучу Т.Үмөталиев, М.Токобаев, анан албетте, Ч.Айтматов. Мына ушундай каада-салттуу субординациядан кийин эле сөз сынчы Шаршенбек Үмөталиевге берилет. Мен азыр стенограмманын материалын китеп түрүндө кайрадан окуп отуруп, талкууда чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзүнө кайрадан кайрылып отуруп, эстен чыгып кеткенин кайрадан калыбына келтирип, анан бир аз ой жүгүртүп көрсөм дал Айтматовдон кийин эле Ш.Үмөталиевге сөз берилгени дегеле кокусунан эмес экен. Арийне, Ш.Үмөталиев кантсе да адабий сындын ошол учурдагы аксакалы, талашсыз лидери, ошондуктан талкууланып жаткан маселенин айрыкча татаал экендигине байланыштуу ага кандайдыр бир ишеним көрсөтүлгөн болуу керек. Көп тажрыйбалуу профессионал сынчы катары ал романдын жана сындын кандайдыр бир аспектисинби, же макалада айтылган социалисттик реализм маселесине каратабы (ал ошол мезгилде кыргыз адабиятындагы социалисттик реализм жөнүндө докторлук диссертация даярдап жүргөн) өзүнүн кеңири аргументтелген концепциясын, көз карашын бериши толук мүмкүн болчу. А натыйжада эмне болуп чыкты? Ш.Үмөталиевдин сүйлөгөн сөзү калган ораторлордун бардыгынан кыска, бар болгону эки бетке жетпейт. Эки бетке (барак эмес) жетпеген көлөмдө роман жана сын боюнча эмне айтууга болот… Эгерде сөз М.Бахтиндин философиялык аныктамаларындай, же В.Шкловскийдин афоризмдериндей маани-маңызга толуп турса анда бир жөн. Чала даярданып, логикасыз импровизация менен сүйлөнгөн сөз чаржайыт чыккан. Бирок ошондой болсо да сынчынын сөзү баштан-аяк ашкерелеген пафос менен бардыгын жокко чыгаруу, нигилисттик пафос менен жабдылган. “Майдан” романынан эмнелер “жокко” чыгарылып жатканын элестетүү үчүн ошол сөздөрдү гана ар кай жерден үзүндү алып келтирели:”… ал романда жок”, “адамды ойлондура турган нерселери жок”,”… образдар да жок”,”… кызыктуу эпизоддор жок”,”…тамшана турган эч нерсеси жок”,”… доордун стили бул китепте жок”, “баатырдык доор жок”, “героикалык стиль жок”,”… сүрөттөөлөр жок”. Мындан тышкары “автордун ички дүйнөсү тар, кедей…”, “романдын тили абдан жарды…”
Бул келтирилген “тизмеге” караганда “Майдан” романында эчтеке жок болуп чыгат. Деги сурагыбыз келет, романда “бирдеме” барбы, кантип эле ушундай китепте баары эле “жылан сыйпагандай” болуп калсын, бир “илинчеги” бардыр. Профессионал сынчы өзүнө “жүктөлгөн милдетти” жакшы билет, жакшы түшүнөт. Сөзүнүн жыйынтыгында сынчы У.Абдукаимовго кайрылып, “автор коммунистче жообун” берерин талап кылат да, андан ары эки строфа ыр келтирет.
Бир кезде мен да жүргөмүн,
Жан менен сүйгөн жар менен.
Айырганда тагдыр күйгөнмүн,
Кетээрде сыздап зар менен
же:
Көк көйнөгүн желпиткен,
Көк-Ойроктун шамалы.
Көңүлүңдү дегдеткен,
Бир сүйгөндүн амалы.
Ушул эки куплет ыр сабын келтиргенден кийин Ш.Үмөталиев “Бул Касымдын ырлары. Менин көзүмө биринчи эле жолу урунду”. Андан ары Ш.Үмөталиев дароо жыйынтык чыгарат: “Бул китеп менен кантип сыймыктанабыз? Муну автор коммунистче айтып бериши керек”.
Мына жанагы жогортодо айтылган бардык тарабы эсептелип, өлчөнүп алыска ташталган стратегиялык шантаж. Менин оюмча Ш.Үмөталиев “Майдан” романын аягына чейин окуп чыгып, түшүнүүгө, туура кабылдоого аракеттенген да эмес. Китепти ача салганда биринчи эле жолу анын көзүнө “Касымдын ьрлары” урунганы жетиштүү болгон. Мындан ашкан, мындан коркунучтуу аргументтин болушу да мүмкүн эмес. Бул Ш.Үмөталиевдин сүйлөгөн сөзүнүн “тузу”, маселен, “Майдан” романын бүтүндөй жокко чыгаруу декларативдүү түрдө болсо да бир жөн, ал эми романдын текстинен “эл душманы”, “буржуазиячыл-улутчул”, А.Токомбаевдин келишпес антиподу Касым Тыныстановдун ырларын таап чыгуу, бул башка маселе. Анткени, “Майдан” романынын “чыкпай” калганы, “болбой” калганы, бул эч нерсе эмес, ал эми Касымдын ырларынын романдык текстке кирип кетишине У.Абдукаимов “коммунистче” жооп бериши керек. “Коммунистче” деген түшүнүктү сынчы эки жолу кайталайт. Демек, дал ушул саясий айып маселесине акцент коюп жатат. Совет бийлиги доорунда, бул кайда алпарып такары түшүнүктүү. “Демек, Ч.Айтматовдон кийин дароо эле Ш.Үмөталиевге сөз берилиши эч кокусунан эмес. Ч.Айтматов нукура көркөм адабиятты барктаган сөз художниги катары өзүнүн сөзүндө “Майдан” романынын чыныгы талашсыз көркөм ачылгаларына басым коюп, ошону менен бирге эле автордун чыгармачылык үзгүлтүктөрүнө кеңири токтолуптур. Арийне, мунун баары табигый көрүнүш. Талкуу да андан ары ушундай ориентацияга өтүү негизинде ушундай чыгармачыл маанайда өтүш керек эле.
Түшүнүктүү, айрым жетекчилерге, адабий ишмерлерге талкуунун мындай багыты жакпайт, ошондуктан ага талкууга башкача бир күтүлбөгөн “мандем” киргизүү натыйжасында чыгармачыл атмосферада башталган диспутту тезинен “бузуп”, тезинен башка нукка өткөрүү зарыл. Ал үчүн буга тикелей карама-каршы позиция “ойлоп табуу” муктаждыгы пайда болот. Көрсө, ойлоп табуунун эч кандай зарылчылыгы жок экен. Ал өзү эле күн мурунтан дапдаяр турат. Муну уюштургандар абдан жакшы билет. Шаршенбек Үмөталиев баштан-аяк далилсиз, одоно-орой, этикасыз, сүйлөгөн сөзүнүн соңунда жыландын башын чыгарып, К.Тыныстановдун ырларын ошол замандын, oшoji биз жашап жаткан күндүн “Мокочосу” иретинде залга таштап коюп, өзү трибунадан түшүп кеткенде, талкуунун атмосферасы өзгөрбөй коймок эмес. Анткени, Ш.Үмөталиевден кийин ар бир чыгып сүйлөгөн оратор жанагы сынчы таштап кеткен “коркунучтуу мокочону” айланып өтө алмак эмес. Чынында да ошондой болду.
Ш.Үмөталиевден кийин сөздү кыргыз адабий сынынын ветераны Өмүркул Жакишев алды. Искусство жана адабият жагдайында көп жылдар бою иштеген тажрыйбасына таянган ишмер роман жөнүндө өзүнүн бир кыйла оригиналдуу жана олуттуу пикирин айтууга толук жөндөмү бар болчу. Факты боюнча ошондой болду. Бирок, Ө.Жакишев “Майдан” романы, айрыкча көркөм образдар (Кыдырбек, Бермет) боюнча айтылган ойлорун системалаштырып, жыйынтыктоонун ордуна, Ш.Үмөталиев көрсөтүп кеткен “жыландын башына” кайрылууга аргасыз. Далай айтыштардан, диспуттардан каныккан Ө.Жакишев өзүнүн сөзүн төмөнкүчө аяктайт: “Ш.Үмөталиевдин сөзүнө кошула албайм. Китепке Тыныстановдун ыры кириптир деп жатат. Узакбай Абдукаимов Тыныстановдон кем ыр жазчу эмес. Андай ырды жазууга Узакбайдын толук мүмкүнчүлүгү бар, бирок чынында Тыныстановдун ыры болсо карап чыгуу керек”.
Көрүнүп турат го, бир эле абзацта канча драмалуу карама-каршылык жатат. Адегенде тажрыйбалуу адабий ишмер жакшы эле каршы чыгат, Ш.Үмөталиев менен макул эместигин ачык билдирет, андай ырды Узакбай өзү да Тыныстановдон кем жазбасын түшүндүрөт, бирок Ш.Үмөталиев таштап кеткен “мокочонун” магиялык күчү ошончолук, Ө.Жакишев эмиле айткан сөздөрүнө күмөн түшүрүп, башкача жыйынтыкка келет (… бирок чынында Тыныстановдун ыры болсо карап чыгуу керек). Жок, мындай карама-каршылык Ө.Жакишевдин жөнөкөй логикасынын аксагандыгынан эмес, логика өз жайында, бул ички карама-каршылык, андан да күчөтүп айтсам, бир чындыктын амбиваленттүү драматизми, бир жагынан Ө.Жакишев өзүнүн эң жакын замандашы Узакбай Абдукаимовду коргогусу келет, бирок ал билет бул ыр чынында кимдики экенин, ошон үчүн коркот, системага көшөкөрлүк менен кызмат кылгандардан коркот.
А көрсө бардык эле учурда “мокочо” өзүнүн мүдөөсүнө, койгон кара өзгөй максатына жете бербейт экен. Ө.Жакишевден айырмаланып, таланттуу сынчы Камбаралы Бобулов “Майдан” романы жөнүндөгү өзүнүн жыйынтыктуу, даана концептуалдуу сөзүндө Ш.Үмөталиев көрсөткөн “жыландын башынан” коркпойт, тескерисинче дал ушул маселе боюнча принципиалдуу активдүү позицияга өтөт. К.Бобулов мындай дейт: “Бул жерде Ш.Үмөталиев романга К.Тыныстановдун ыры кирип кетиптир деди. К.Тыныстановду Ш.Үмөталиев пропаганда кылганга чейин билчү да эмеспиз. Эгерде китепке Касымдын ырлары кирип кеткен болсо ал да Ш.Үмөталиевдин пропагандасынын кесепетинен болуу керек”.
Профессионал сынчы жана адабият изилдөөчү катары ал К.Тыныстановдун ырларынын романга кирип кетиши ачыктан-ачык саясий проблема экенин жана анын натыйжасы романдын пайдасына чечилбесин жакшы түшүнөт. Ошондуктан ал карап турбайт, күтпөйт, Ш.Үмөталиевдин позициясына түздөн-түз “чабуулга” өтөт, дал ушул проблема боюнча анын өзүн күнөөлөйт. Бирок, бул карандай демагогия эмес, К.Бобуловдун позициясы фактыга, болгондо да кеңири белгилүү фактыга негизделген. Ш.Үмөталиев өзүнүн адабий сын ишмердигинде кээ бир чыгармачыл позициясын утурумдук саясий кырдаалга оңой эле алмашып жиберген учурлары болгон. Жогорудагы сөзүнөн үзүндү келтирели: “… Бир кезде жакшы тилек, жакшы ой менен Касымдын ырларын изилдейин дегем. Бирок мен туура эмес жолго түшүптүрмүн”.
Бул жерде Ш.Үмөталиев өзүнүн “жаңылыштыгын” ого эле жумшартып, сыпаа түрүндө айтып жатат. А чынында К.Тыныстановдун чыгармачылыгын изилдөөгө белсенип, бүтүндөй ички демилгеси менен абдан эле катуу киришип, “Касымды жактоочулардын” алдыңкы катарында жүргөн. 1959-жылдын аяк ченинде дал ошол кетирген “жаңылыштыгы” (өзүнүн термини) үчүн Кыргызстан КП (б) БКнын Бюросунда тиешелүү саясий жазасын алып чыккан. Партияда жок болсом да мен өзүм ошол Бюродо катышып отургам. Касым Тыныстановдун ырларын кызуу демилге менен изилдеп жүргөн учурунда Шаршенбек Үмөталиев Кыргыз мамлекеттик университетинде иштөөчү, ошондо айткан даана сөзү бар: Мен мурда Алыкул Осмоновду идеализациялап, көкөлөтүп жүрүптүрмүн, көрсө, ал Касымдын жанында “шоона эшпей” калат экен. Түшүнүктүү го, бул Алыкул Осмоновдун поэзиясына ыргытылган “кара таш”. Бул – бир. Ал эми азыр арадан 2 жыл өткөндөн кийин кайрадан, Касым Тыныстановдун поэзиясын саясий “мокочого” айландырып, Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романын бүтүндөй жокко чыгарып, каралоо үчүн пайдаланып жатат. Камбаралы Бобулов жогорудагы сөзүндө, Ш.Үмөталиевдин өзүнө күнөө коюп жаткан өтө адилеттүү сөзүндө, дал ушул адабий кырдаалга (“Тыныстанов-Осмонов”) басым коюп жатат.
Тилекке каршы К.Бобулов өзүнүн ушундай ачык принципиалдуулугу үчүн кийин чыгып сүйлөгөн Кубанычбек Маликовдон жакшы эле унутулгус “сабак” алды. К.Маликов кыргыз жазуучуларынын арасында ораторлук, полемисттик таланты менен айырмалуу эле. Ал ошол табиятына бүткөн искусствосуна салып, романдын айрым ийгиликтерине, өзү айткандай дүңүнөн дурус эле баа берди да, негизги оюн “Майдан” романына кирип кеткен К.Тыныстановдун ырларына топтоду. Албетте ушундай эле болмок. Өмүр бою А.Токомбаевдин үстүнө чаң жугузбай, “оң колу” болуп жүргөн акын (өмүрүнүн финалында гана кескин ажырашып кетишти деп уккам, себебин билбейм) бул жолу да өзүнүн “илгертен” келаткан традициялуу көнүмүшүнө бекемдигин далилдеди. Арийне, тажрыйбалуу полемист катары А.Токомбаевдин макаласын ачык түрдө колдоп чыккан жок, бирок сүйлөгөн сөзүнүн бүтүндөй маани-маңызы У.Абдукаимовду жазуучу катарында да, инсан катарында да басмырлоого багытталды. Ошондуктан сөзүнүн “тузу” романга кирип кеткен Касымдын ырларына барып такалды. Кубанычбек маселени, өзү айткандай тикесинен коюп, мындай дейт: “Кечээ сынчы Шаршенбек Үмөталиев өз сөзүндө бир принципиалдуу маселе козгоду. Ал – Касымдын ырларынын У.Абдукаимовдун романына кирип кетиши жөнүндө. Эгер ошол Касымдын ыры экени чын болсо, Абдукаимов Касымдын ырларын ырдатканда да армияга жөнөп жаткан жаштарга ырдатып койгон”.
Көрүнүп турат го, маселе кандай тикесинен коюлганы, ал эми китепке кирген ырлар чын эле Касымдыкы болсо деп билмексенге салуу, бул эвфемизм. Атайы жумшартып айтуу, эвфемизм ойдун андан аркы өнүгүшүн күчөтүп, жетер жерине жеткирип айтуу үчүн керек. К.Маликов машыккан драматург катары окуяны улам чыйралтып, улам күчөтүп отурууну көздөйт. Ошол бир гана максат менен, эгер бул ырлар чын эле Касымдыкы болсо, жазуучу аны кимдерге ырдатып жатат, кеп ушунда. Көрсө, ал ырларды армияга бараткан жаштар ырдап жатыптыр, жазуучунун романдагы сүрөттөөсү боюнча. Эмки негизги суроо, кимдин ырын ырдап баратышат… Көрүнүп тургандай, өзүнчө эле көркөм градациянын системасы. Мурдагы токтомдорду, чечимдерди, өкүмдөрдү К.Маликов эсепке албайт, анын баары тарых, алар тарыхтын катмарында калган. Ага жаңысы, акыркысы керек. 1959-жылдын аягында эле Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин чечими боюнча Касым Тыныстанов кайрадан “буржуазиячыл-улутчул” деп табылган. Мына эми эки жыл өтпөй, 1961-жылы жарыяланган китебинде коммунист-жазуучу У.Абдукаимов “эч кандай акысы жок” туруп, К.Тыныстановдун ырларын кайрадан басмага алып чыккан. К.Маликовдун жогортодо мен келтирген кыска текстинде ушундай терең подтекст жатат.
Менин оюмча Ш.Үмөталиев эч далилсиз түрдө “Майдан” романын жокко чыгарган, бирок сөзүнүн соңунда атайы катып келген “жыландын башын” көрсөтүп, залга таштап кеткен “мокочо” мотиви дискуссияга катышкан ораторлордун сөзүндө дагы кандайча өнүккөнүнө токтолуп, кеңири айтса болор эле. Бирок менин оюмча мүнөздүү учурларын камтыгандай болдук. Ошондуктан бул “сюжеттик мотив” өз алдынча канча кызыктуу болсо да, жетишерлик эле болду го деп ойлойм.
Совет мезгилинде, жазуучулар союзунун доорону жүрүп турган учурда жогортодон түшкөн атайы көрсөтмөлөрдүн негизинде келип чыкканбы, же турмуштук зарылдыкпы, айтор, өзүнчө бир бекем орноп алган каада-салт бар эле, кандайдыр бир талаш-тартыштуу макала жарыяланып калса, ал басымдуу көп учурларда жазуучулар союзунда адабий-көркөм коомчулуктун катышуусу менен талкууга алынуучу. Адабий талкуунун мүнөзү да, деңгээли да көбүнчө проблемага, темага байланыштуу ар түрдүү болору түшүнүктүү. Бирок бир закон ченемдүүлүк дайыма сакталып, өкүм сүрүп турчу, ал алдын-ала коюлган көрсөтмөдөн, “чийинден” сыртка чыкчу эмес. Мына ушул жагдайда, мен өз өмүрүмдө көп эле талаш-тартыштуу диспуттарга катыштым, ошолордун ичинде эң мазмундуу жана принципиалдуу кырдаалда өткөн адабий талкуунун бири жана көрүнүктүүсү ушул “Майдан” романы туурасында болду. Бул талкуунун адабий-практикалык сабактарынын бир орчундуу жыйынтыгы ушунда, ал өзүнөн-өзү экиге жарыла албай турган жазуучуларды шарт эле, көз көрүнөө эки тарапка бөлүп таштады. Жок, бул жердешчиликтин идеясынан келип чыккан, же кандайдыр бир жекече максатты көздөгөн топтун бөлүнүшү эмес, бул чыныгы, нукура улуттук адабиятка, көркөм өнүгүштүн эртеңкисине, перспективасына болгон көз караштын, философиянын негизинде жаралган жаңы окуя, жаңы көрүнүш болчу.
Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романынын жарыкка келиши кыргыз совет адабиятында дал ушундай адабий кырдаалды жаратты. Дал ошол адабий кырдаал талкуунун жүрүшүндө баштан-аяк өкүм сүрүп турду. Бул тарыхый моментти Узак ага сездиби, жокпу билбейм, бирок ал өзүнүн өмүрүндө биринчи жолу болуп жаткан өтө татаал жагдайда, өзүн темирдей бекем кармап, өз деңгээлинде, өз бийиктигинде болду. Сөз арасында айта кетчү бир жагдай: “Майдан” романына тикелей каршы чыккандар, демек А.Токомбаевдин макаласын колдогондор өздөрүнүн фортификациясын, же саясий демогагияга таянышып, же көркөм образдардын маңызын бурмалап, вульгаризациялоо негизинде курушту. Ал эми романдын жаңычылдыгын колдоп сүйлөгөндөрдүн ар бири өз позициясын, өз көз карашын романдын конкреттүү маселесине конкреттүү мамиле жасашка умтулушту.
Мына ушундай драмалуу, карама-каршылыктуу талкуунун жүрүшүндө жашоо турмушунда ушунчалык сыпаа, ушунчалык басмырт адамдын ички-дүйнөсү өзүнөн-өзү эле ачылып чыга келди. Чындык, адилеттик өзүнүн тарабында экенине бекем ишенеби, айтор түздөн-түз саясий оор айып коюп, каар чачып сүйлөгөндөргө чычалап айтышкан жок, ошондой эле жактап, коргоп сүйлөгөндөргө да көңүлү көтөрүлүп курсант тарткан жок. Ар бир ораторду кунт коюп угуп, өзүнө керектүү жерлерин кадимки эле окуучулук жалпы дептерге тыкыр жазып отурду. Эч кимге түшүндүрмө да, реплика бербеди. Өзү жөнүндө ушунча кескин, ачуу сөз жүрүп жатса, жөн эле кескин, ачуу эмес, баарынан мурда жалаа, саясий айып жүрүп жатса не бир карама-каршы позициялар бетме-бет кагышып, тытышып жатса, эчтекени туйбагандай, сезбегендей чымырканып отурган бир калыбынан козголбогон токтоолук менен сабырдуулукту мен ошондо көрдүм. Жок, бул жөн эле жасалма көрсөтмө сабырдуулук эмес, мында өзү кан-жан менен сүрөттөп жазган чындыкка, өз колу менен “окуучулук дептерге” иштеп чыккан “ишке” такатсыз ишенгендик, дал ошол “иштин” эртеңки мартабасына таянган ар-намыс бар эле.
Балким башка бирөө болсо, ар кимдин сөзүнө асылып, үтүрүнөн-чекитине чейин талдап жооп берет беле, Узакбай Абдукаимов анткен жок, өзүнүн корутунду сөзүн кыска, таамай айтты, эң мерчемдүү учурларга гана токтолду. Аны дагы “окуучулук дептерге” жазып алыптыр, мурда көрүнгөндөр менен мындай жыйылышта айтышып көнүкпөгөндүктүн далили. Жазуучу өзүнүн келишпес оппоненттери менен чоюп-керип, талашка түшкөн жок. Кээде ток этер жерин так, даана аныктаган эпитет, каймана айтылган сөз жетиштүү да, ишенимдүү да болду.
Бир-эки мүнөздүү мисалга кайрылып көрөлү. Н.Байтемиров өзүнүн сөзүндө “Майдан” романы жөнүндө конкреттүү эч нерсе айткан жок, тийип-качып Чынаркандын атын атагандай болду. Болбосо өзүнө мүнөздүү болгон менменсинүү таризинде залдагыларга, айрыкча У.Абдукаимовго акыл-насаат айтуу менен убара тартты. Романдын өзүнө, көркөм жасалгасына, стилдик өзгөчөлүгүнө, тил байлыгына токтолуунун ордуна “автордун тунгуч китеби” (“адабий дебют” деген мааниде), “болгону бир-эки ыры бар” дегендей кемсинткен аныктамалар менен Узакбай Абдукаимовду жазуучу деле эмес, бар болгону жаңыдан жаза баштаган автор сыяктуу көрсөтүүгө аракет жасады. Чынында менменсинүү, өзүн “көкөлөтүп кармоо” Н.Байтемировдун касиет-сапаты болчу, ал турмак “Толстой деле киши” (бизге, өзүнө эле окшогон деген мааниде) деп айткандан тартынчу эмес. Узакбай Абдукаимовго Чынаркан жөнүндөгү чатышкан сөздөрү эмес (роман жөнүндө эч конкреттүү пикир айткан жок), анын менменсинген фразалары өтө катуу тийген болуу керек. Узакбай Абдукаимов чыны менен сөз художниги, ал кандайдыр бир ооз учуна келе калган бир-эки аныктама менен Н.Байтемировдун реалдуу портретин тартып салды десем болот. Ал Аалы Токомбаевге жооп берип жатып, мындай деди: “… Мени тилмеч, котормочу деп кемсинткенин айтпай эле коеюн! Жазыгым Пушкинди, Байронду которгондугумбу?! Н.Байтемиров бир жагынан чоеңдой чыгып, “Узакбайдын эки эле ыры бар, акын эмес экен” деп силкинет. Ыр жазган колуман келбесе кантип мен Байрондун “Чайльд Гарольдун” котордум? Кантип “Айша-Айдар”, “Көл боюндагылардын” либреттолорун жаздым”. Ушунчалык жоош, ушунчалык момун адам да кезеги келгенде албууттанып ызаланат да, кыжырланат да окшойт. Мынчалык ыза, кыжыр эмнеден улам пайда болуп жатат, дагы ачыгыраак, дагы түшүнүктүрөөк болсун үчүн Узакбай Абдукаимовдун экинчи бир оппонентине берген жообун эске түшүрөлү. Аныбыз – Шүкүрбек Бейшеналиев, ошол учурда жазуучулар союзунун паритет-секрeтaрларынын бири. У.Абдукаимов президиумду карай бир аз, коомай бурулду да (ал жакта Ш.Бейшеналиев отурат) мындай деди: “Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары Ш.Бейшеналиев болсо мени Дудинцевдин катарына кошуп, Кыдырбектин тылга жазган катындагы бир гана сөзүн жулуп алып, ушу да патриоттукпу деп, көз көрүнөө жалаа жаап отурат”. Байтемиров – “силкинет”, Ш.Бейшеналиев – “жалаа жабат”. Силкинүү, бул бой көтөрүү, жалаа – бул калп, чындыкты көз көрүнөө бурмалоо.
Өркүндөгөн социализм дооруна бет алган “алтымышынчы жылдардын” көз карашы боюнча кыргыз жазуучусун В.Дудинцевдин катарына теңеш, бул А.Токомбаев койгон саясий айыптоонун дагы бир жаңыланган варианты гaнa бoлчy. Советтик адамдын машакаттуу турмушун өз учурунда тайманбай, драмалуу сүрөттөгөн В.Дудинцевдин “Адам кара курсак үчүн эле жашабайт” (“Не хлебом единым”) деген романы аёосуз катуу сынга түшүп, бир беткей куугунтукка алынып жаткан учурда Ш.Бейшеналиевдин бирден-бир максаты В.Дудинцевдин ошол кездеги “кебетесин” Узакбай Абдукаимовго апкелип “кийгизүү” болчу. А чынында У.Абдукаимов кайсы “күнөөсү”, кандай “айыбы” үчүн катуу караланган куугунтукка түшкөн В.Дудинцевдин катарына туруп калды? Деги Дудинцевдин романын Ш.Бейшеналиев окуду бекен, окуса билет эле го У.Абдукаимовдун “Майданы” өзүнүн проблематикасы жана тематикасы боюнча орус совет жазуучусунун чыгармасына эч кандай жакындыгы да, окшоштугу да жок экенин. Ошондой болсо да Бейшеналиев бул эки чыгарманын ортосунан ошондой коркунучтуу байланышты “издеп” таап жатпайбы. “Майдан” романынын негизги персонаждарынын бири Кыдырбектин Берметке жазган катынан төмөнкү фразалар келтирилет: “Жеңиш мөөрөйү колго тийген күнү болсо, бирибиз келсек онубуз келбеспиз, онубуз келсек жүзүбүз келбеспиз”. Буга карата, айтылган чындыкка карата Ш.Бейшеналиевдин берген комментарийи: “Кыдырбектин каты элдин сезимин көтөрүп, кайратын курчутмак түгүл, аларды кайта мөгдүрөтөт, ыйлатат”. Көрүнүп эле турат го, бул баягы жедеп көнүмүшкө айланган, турмуш чындыгын бурмалаган жалган сүрөттөөлөрдү, кыйкырык патриотизмди талап кылган, чакырык-ураандарга негизделген жасалмалуу калп сөздөр. Ал эми Узакбай Абдукаимов элдин башына келген оор трагедияны таамай берген ушул фразаларды кайталап окуп, мындайча жыйынтык чыгарат: “Менин өкүнүчүм: ушу жерде Кыдырбектин сөзүн дагы чыңыраак, дагы күчтүрөөк кылып бербегенимде болуп турат. Адамдардын машакатын, кайгы зарын дагы тереңирээк көрсөтө албаганымда болуп турат”. Бул – көркөм адабияттын аткарар кызматын (предназначение) кадиксиз түшүнгөн жазуучунун, турмуштук кыйын, татаал жагдайларга нукура реализм эстетикасынан мамиле жасаган жазуучунун чыгармачылык позициясы. Ал эми, студенттердин турмушу жөнүндө “Таалай жолу”, койчунун тагдыры жөнүндө ” Даңкка жараша жүк”, ал турмак реалдуу акындын өмүр жолу жөнүндө “Болот калем” романдарын жараткан нормативдүү эстетиканын принциптерине таянып, Ш.Бейшеналиев бул жерде да, “Майдан” романы боюнча жүрүп жаткан диалогдо өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзүүгө жанаракет жасайт. Кыдырбектин катынын мазмуну жөнүндө Ш.Бейшеналиев менен У.Абдукаимов экөөнүн ортосунда төмөнкүдөй диалог жүрөт: “Ш.Бейшеналиев – ушул кат элге кандай ой калтырып жатат, дагы окуп көрүңүзчү? У.Абдукаимов – согушта миңдеген аскерлер кырылып калган. Өз көзүм менен көрүп келбедимби. Кантип согушту көрбөгөн молокосос бул жерге отуруп алып, мени менен талашып жатасың?” Эч качан катуу сөз айтпаган (мага ошондой сезилчү) Узак ага, бул жолу жаны кашайып чыдабай кетти окшойт, Ш.Бейшеналиевди жеткире эле кагып салды (“молокосос”). Көрсө, чындыкка келгенде ал киши да эч нерседен тартынбайт экен да. Кантсе да Бейшеналиев жазуучулар союзунун секретары, баарынан мурда жеңилин жерден, оорун колдон алып, Аалы Токомбаев колдогон эң жакын соратниктеринин бири эле да. Бирок, маселенин маңызы сөз менен “кагып-соккондо” эмес, кеп принципиалдуу эстетикалык принципте. Ш.Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтсө да, ал учурда билим берүү системасы бир кыйла эле жогорулап калган, өзүнүн адабий эстетикалык кругозорун, көркөм ойлонуу жөндөмүн белгилүү бир жолдомолордун, көрсөтмөлөрдүн чегинен чыгара албады. “Таалай жолунан” баштап эң соңку романдарына чейин бир калыптын, бир ыргактын айлампасында жүрдү. Ырас, тема өзгөрдү, сүрөттөө объектиси улам жаңырып турду, бирок аларды реализациялоо, ишке ашыруу күчтүү өркүндөгөн көнүмүштүн жетегинде калды. Менин оюмча буга эки түрдүү себеп болду, биринчиден, ал аксакал жазуучулардын (айрыкча Аалы Токомбаевдин), өзү айткандай, “Көмүркөйдөгү сырларына” ориентация жасап, ошолордун адабий шартына ыңгайлашып алды, экинчиден, өзү улам көтөрүлүп отурган кызмат абалы, карнеристтин умтулуусу чыгармачылык жаңылануу кыймылына тикеден-тике тоскоол болду окшойт. Ушундан улам Ш.Бейшеналиев “согуш чындыгына”, буга чейин кыргыз совет адабиятында эч ким айта элек согуштун трагедиялуу чындыгына, өзүнүн жасалмалуу романдарынын ыңгайынан карап, У.Абдукаимовдун жазуучулук ар-намысын козгоп жатпайбы. Жогоруда келтирилген диалогдо У.Абдукаимов менен Бейшеналиев эки башка позицияда, болгондо да бири-бирине диаметралдуу карама-каршы позицияда тургандыктан алар эч качан “жалпы бир тилге” келе алышмак эмес. “Майдан” романынын тагдырын дал ушундай болорун мурдатан эле сезген автор кандай болсо да жазууга милдеттүү экенин түшүнүп, өз максатынан кымындай да чегинген эмес. Канчалык деңгээлде толук иш жүзүнө ашырды, бул башка маселе. Мына эми ошол өзү күткөн тагдыр өзү туш болуп, Узак агай минтип сүйлөп жатат: “Менин романымдын биринчи китебиндеги өкүнүчүм: турмуш горизонтун кеңирээк албай, дале болсо музоосун сүздүрүп койгон уйдай болуп “бул китепти эмне дешээр экен, партиянын жолунан чыгып кетти деп дагы бирөө союлун көтөрө чыгып, көөнү келсе жыга чабар бекен” деп сүрдөгөндүк, чочулагандык болду. Мына эми менин чочулашым туура чыгып, заманыбыздын чоң акындарынын бири Аалы Токомбаев менин романымдын биринчи китебине партиянын органы болгон “Советтик Кыргызстан” газетасына сын жарыялады. Бул сын боюнча мен тылды, а түгүл айрым каармандарды, айрым кейипкерлерди партиянын позициясы менен бере албай, партиянын жолунан чыгып, социалисттик реализмди четке кагып, турмушту чалмакей кылып салыптырмын”.
Ырасын айтканда, “Майдан” романы “социалисттик реализмди четке каккан” деген формулировкада чындыктын кандайдыр бир үлүшү бар болчу. Бул парадоксалдуу угулат. А бирок чыны ушундай. Бир гана өзгөчөлүгү, маселеге кандай ракурстан кароо керек, кеп ошондо. Маселен, жазуучулар союзунун уставында социалисттик реализм, бул советтик көркөм адабияттын негизги методу, ал художниктен турмушту чындыктуу, тарыхый конкреттүү жана анын революциялык өнүгүшүндө сүрөттөөнү талап кылат деп көрсөтүлгөн. Мына ушул фундаменталдуу принциптердин негизинде (чындыктуулук, тарыхый конкреттүүлүк жана революциялык өнүгүштө сүрөттөө) кыргыз совет адабияты пайда болгон жана өнүгүп отурган. Эгерде социалисттик реализм жөнүндөгү ушул формулировканы “Майдан” романына ченеп-өлчөп көрсөк, анда анын кымындай да жерине шек кетпегенине даана, такатсыз ишенебиз. Бул – бир ракурс. Ал эми романдын сынчылары жана оппоненттери, тескерисинче, романдын мазмунунан, сүрөттөөлөрүнөн, образдарынан социалисттик реализмди “четке кагууну” көрүшөт. Демек, бул көрүүнүн экинчи ракурсу, чындыкты бурмалап көрүүнүн ракурсу. Ошондой болсо да “Майдан” романы социалисттик реализмди “четке каккан” деген аныктамада кандайдыр бир даражада чындыктын үлүшү бар экенин жогоруда белгиледик. Бул жерде маселенин маани-маңызы акын-сынчы ошол чындыктын үлүшүн өзүнчө түшүнүп, өзүнчө кабылдап, натыйжада өзүнүн жекече саясий кызыкчылыгына пайдаланганында. Бул жерде маселенин маани-маңызы “Майдан” романында сүрөттөлгөн турмуш чындыгы, көркөмдүк жаңычылдыгы социалисттик реализмдин көнүмүш калыптарына, чектелген чектерине сыйбай жатканында, “Майдан” романынын кыргыз совет адабиятына алкелген ачылгалары улуттук көркөм өнүгүштөгү оң позитивдүү катарында эмес, советтик турмушту, элдин патриоттук духун бурмалап көрсөткөн терс, зыяндуу көрүнүш катары баалангандыкта.
Мына ушул жагдайда орчундуу бир маселеге кеңири токтолууга туура келет. Мен ошондо, А.Токомбаевдин макаласы жарыяланганда, андан соң көп узабай талкуу жүрүп жаткан учурда бир суроого жооп таба албай убара болгом. Бул суроо “Майдан” романы А.Токомбаевге эмнеси менен жакпай калды, менин байкашымча романдын авторуна ал кишинин мамилеси анча деле салкын эместей көрүнгөн. Узакбай Абдукаимовдун романы жакпай калганда да жөн эле көркөм чыгарма катарында эмес, кандайдыр бир Аалы Токомбаевдин жекече мартабасына, ар-намысына шек келтирген биографиялык документ сыяктуу жакпай калгандай.
Акыры чыдабай жүрүп, ушул суроо менен А.Токомбаевдин да, У.Абдукаимовдун да замандашы, көрүнүктүү адабиятчы, “Манас” эпосун изилдөөчү Өмүркул Жакишевге кайрылдым. Ал киши өткөн кылымдын 30-40-жылдарында кыргыз адабиятынын жана искусствосунун көрүнүктүү ишмерлеринен болгон, кийин 50-жылдардын экинчи жарымынан баштап Тил жана адабият институтунда жаңыдан уюшулган “Манас” секторун башкарып жүрдү. Ошол учурда бир коллективде бирге иштеп калдык. Ө.Жакишев жеткен интеллигент адам эле, ортобуздагы жаштык дистанцияны кыскартып, бирдей деңгээлде мамиле жасоого аракеттенчи. Өзүмдөн улуу көп эле жазуучулар, адабиятчылар менен мамиле түздүм, бирок ошолордун ичинде өтө жакындашкан өзүмдөн улуу замандашым Ө.Жакишев болду. Мына ошондой аңгемелешүүнүн бири “Майдан” романы, ага карата А.Токомбаевдин өтө терс көз карашы жөнүндө болуп калды. Ошондо мага Өмүке (мен ал кишиге ушинтип кайрылчумун) бир сыр ачып берди: Узакбай Абдукаимов 30-жылдарда Касым Тыныстановдун эң жакын замандаштарынан болгон. Кантсе да ошол турмуштук кырдаалдар Аалыкенин эсинде калгандыр. Бирок негизгиси романдагы Апсаматты билесиң го, ошол Аалынын прообразы. Мына ушул мааниси боюнча эки башка турмуштук кырдаал бири-бирине кошул-ташыл болуп Аалы Токомбаевдин “безине” тийген болуш керек. Башка оюма келсе да, Апсаматтын прообразы менин акыл-эсиме эч келмек эмес. Мен дароо эле Качикени эстедим. Кандайдыр бир ассоциация жаралды да, Аалы Токомбаевдин корутунду сөзүндөгү төмөнкү саптар эсиме келди:.. “Узакбайдын Качике сыяктуу болуп жүргөн мезгилдери да болгон. Ошол мезгилдерде ун-тапканымды көтөрүп барып берген учурларым да болгон”.
Аалы Токомбаев бул жерде ачык көрүнүп тургандай романдын баш каармандарынын бири Качикеге автордун өзүн окшоштуруп жатат. Турмуш-тиричилик деңгээлдеби, же социалдык-коомдук деңгээлдеби, кеп анда эмес, А.Токомбаев романдын автору менен персонаждын ортосундагы түздөн-түз байланышты ачыкка чыгарып жатат. Бул сөздөрдүн чындыгына мен эч кандай шек келтире албайм. Качикенин образын жаратууда У.Абдукаимов өзүнүн жеке турмуштук фактыларын романдын сюжеттик составына киргизгени, ал фактыларды өөрчүтүп, өркүндөтүп көркөм образга айландырганы толук мүмкүн. Дал ушундай эле мааниде, жогортодо Ө.Жакишев айтып бергендей, Апсаматтын образы жөнүндө да айтууга ишенимдүү негиз бар. Бул гана эмес, Мырзабектин сырткы портреттик кебете-кешпиринен, туруш-турпатынан, айрым бир турмуштук кырдаалдардагы түздүгү, бетке айтмайы өзүнүн келип чыгышы жагынан ошол заманда реалдуу жашаган адамды, көрүнүктүү художник Капар Айтиевди, ал эми романдын экинчи китебинде толугураак сүрөттөлгөн оорукчал, “кырт” мүнөздүү Жапаркул уулу акын Алыкул Осмоновду эске салбай койбойт. Демек, Узакбай Абдукаимов согуш мезгилиндеги кыргыз интеллигенциясынын турмушун, тагдырын көрсөтүү максатында өзүнө жакын, тааныш прототиптерге кайрылган. Мындай жазуучулук манера дүйнөлүк адабий процессте жетишээрлик эле түрдө кездешет. Албетте, бул айтылгандардан Мырзабек – Гапар Айтиев, Жапаркул – Алыкул Осмонов, Качике – өзү дегендей жалпылоочу корутунду чыкпайт, белгилүү бир фактынын негизинде жаратылган көркөм образ ал өзүнүн прототибинен сөзсүз түрдө алда канча айырмалуу, алда канча башкача болот, ал эч качан өзүнүн түпкү теги менен чектелбейт, ал андан ары өнүгөт, өркүндөйт, горизонту жана масштабы боюнча жалпы адамдык деңгээлге көтөрүлөт. Прототип, бул алгачкы факт, ал өз мезгили менен кошо өтөт, өчөт, бир гана анын негизинде жаралган көркөм образ калат.
Эч кандай мүдүрүлбөй, эч кандай тартынбай туруп, Апсаматтын образы жөнүндө да дал ушундайча интерпретация берүүгө болот. Апсаматтын өтө татаал образын жаратууда “Майдан” романынын автору прототиптин кандай кылык-жоруктарына, көнүмүшүнө акцент койгонун аныктоо мага кыйын. Кытмыр караган сүзүлүңкү көздөрүнөбү, же шампанды ууртап ичкенинеби, баары бир бул штрих, бул деталь эң негизгиси Апсамат да Токомбаевдин инсандык туруш- турпатынын түздөн-түз көчүрмөсү эмес. Прототиптин кандайдыр бир элементтери бар экенине карабастан, Апсамат, ошол эле Качике, Мырзабек, Жапаркул сыяктуу эле ойдон жаратылган образдардын түрмөгүнө жатат. Бул талашсыз чындык. Мен ойлойм, автор романдын проблематикалык горизонтун кеңири камтуу максатында шаар менен айыл турмуш чындыгын сүрөттөп, гармониялык бирдикти түзүүнү ойлогон. Ушул жагдайда У.Абдукаимов өзүнүн эң сүйүктүү чыгармаларынын бири болгон “Согуш жана тынчтык” романынын “күчтүү кучактарынан” бошоно алган эместей сезилет. Мен дагы ойлойм, эгерде У.Абдукаимов бир гана шаардык турмушка, шаардык интеллигенттердин образына өзүнүн чыгармачылык изденүүсүн бүтүндөй топтогон болсо, балким, “Майдан” романы көркөмдүк жагынан мындан да ырааттуу жана гармониялуу болмок беле… Анткени, кантсе да роман азыркы бүткөн составында, эгерде айыл жана шаар турмушунун сүрөттөлүшүн салыштырып көрсөк, анда айылдык адамдарга караганда шаардык интеллигенттердин көркөм образы алда канча терең жана ишенимдүү экени сезилбей койбойт.
У.Абдукаимов менен болгон эң маанилүү кездешүүм жана ошол учурдагы эң актуалдуу адабий маселелер боюнча маектерим, баарынан мурда, “Майдан” романына байланыштуу болгону талашсыз. Жазуучулар союзундагы кызуу талкуудан кийин, көп узаган жок “Ала Тоо” кинотеатрынын ылдый жагындагы “Дубовый паркына” кире бериш жеринен жолугуп калдык. Көрсө, баарыбыз эле өткөн талаш-тартыштын “күүсүнөн” чыга элек экенбиз. Кандай ассоциациядан келип чыкканы эсимде жок, бирок бул суроо дайыма менин оюмда болчу, Узак агага тикелей маселе койгонум күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Суроонун маани-маңызы мындай эле: Качике менен Апсамат согуштан кийин кездешеби, же алыстан эле, сырттан эле эрөөлгө чыгышып өтүп кетеби. Алардын бетме-бет кездешүүсү романдын негизги сюжеттик мотивдеринин биринин жыйынтыгы болуш керек эле. Узак ага мен ойлогондой, мен күткөндөй эле романдын финалы менен ушул эки персонаждын реалдуу турмушка көз караштары боюнча антипод адамдардын, бетме-бет жолугушуу менен аякташ керек, ансыз мүмкүн эмес деп жооп берди. Күндөр өтө берди. Кыргыз совет адабиятынын тегерегинде татаал кырдаалдар жаралып, адабий лидерлердин арасындагы өз ара жекече мамиле (Т.Сыдыкбеков – Ч.Айтматов, А.Токомбаев – Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, – А.Токомбаев) барган сайын ачыкка чыгып, жазуучулардын жиктелиши, жаатка бөлүнүшү, кадыресе закон ченемдүү окуяга айланып баратты. Мына ушундай кырдаалда Узак ага менен дагы жолугушуп калдым. Ал киши шаарга (борбор тарапка, “Ала Too” кинотеатры тарапка) көп чыкпай калган, бир айылга, шаардын тегерегинде, кайсы айыл экенин билбейм, боз үй тиктирип, иштеп жатат деп укчумун. Карасам, өңү азыңкы, чарчаңкы. Эмнегедир шашкалактап өзү эле сөз баштап, “Майдан” романынын финалы жөнүндө айта баштады. Мени атыман атады да, кадимкидей мага кайрылып, “баягы убаданы аткара албай калдым, шашып калдым, Качикени өлтүрүп койдум” деди. Көрсө, баягы мен берген суроо, ошонун тегерегинде экөөбүздүн мамилебиз эсинде экен. Ошентип, “Майдан” романынын финалында Качике менен Апсаматтын бетме-бет кездешүүсү болбой калды; бул жөнүндө өзү да өтө өкүнүчтүү айтты, кандайдыр бир чоң милдет ишке ашпай калгандай абалда калганы сезилип турду. Көрсө, шашканы деле чын экен, көп узабай кайран Узаке, Узакбай Абдукаимов, орус жолдоштор айткандай, өзүнүн “аккуу ырын” ырдады да, дүйнөдөн өтүп кетти.
Кудум өмүрүнүн соңунда жазып бүтүрө баштаган “Майдан” романы көз ачары менен эле каардуу саясий айыптоолорго дуушар болуп, “В.Дудинцев”, “К.Тыныстанов” сыяктуу караланган ысымдардын коркунучтуу тагдырына окшоштурулуп, ошолордун катарында жокко чыгарыла баштады. Тагдырдын тамашасы деген ушул, бул драмалуу окуядан көп узабай эле мурдагы түшүнүктөр, аныктамалар парадоксалдуу түрдө маани-маңызын түпкү негизинен өзгөрттү. Өткөн өттү, кеткен кетти дегендей, көрсө, чындык, акыйкат деген акыры келип, ушинтип өз ордуна, өз калыбына келет экен. Бирок бул кечигип келген акыйкаттын эң өкүнүчтүү жагы Узак ага өзүнүн өмүрүнүн соңунда жазган жалгыз романынын жыйынтыгын каалагандай чыгара албай кетти. Анын бул арманы ошол акыркы кездешүүдөгү жашылданган көзүнөн, оор үшкүргөнүнөн көрүнүп да, угулуп да турду.
Айтор кандай болсо да “Майдан” романынын тегерегиндеги талаш-тартыш кыргыз совет адабиятынын тарыхында орчундуу көркөм-эстетикалык сабактардын бири болду. Бул сабактын мааниси Чыңгыз Айтматов баш болгон көпчүлүк жаштар “Майдан” романын колдоп, жактап чыкканда гана эмес, кыргыз адабиятында кандайдыр бир өзүнөн-өзү табигый түрдө нукура искусство үчүн күйүп-бышкан келечектүү, мындан да тагыраак айтканда, улуттук адабияттын туусун көтөрө турган өзүнчө бир муун бар экени айгине болду. “Майдан” романынын тегерегиндеги талаш-тартыш, бул көркөм адабиятка болгон эки башка мамиленин, эки башка көз караштын жиктелишин, ажырымын ачкан өзүнчө бир тарыхый эпизод болду. Көрсө, Узак аганын жазуучулар союзундагы ар түрдүү жыйылыштарга, “келди-кетти” сөздөргө аралашпай, ар кандай артыкбаш, керексиз иштерден сырткары жүргөнүндө өзүнчө бир маани-маңыз бар экен. Тымызын жашоо пассивдүүлүк эмес, ошондой эле чыгармачылык шалаакылык да эмес. Узакең кантсе да, ички дүйнөсүндө машакаттуу бушайман драма менен жашап, тынымсыз аккан ойлордун кагылышы менен өмүр өткөрүптүр. Баягы самсып, сапырылган ырлар кайда деп, Качике айткандай, жазылган, жарык көргөн китептердин баары эле көркөм адабият эмес экенин, анын арасынан нукурасы өтө сейрек кездешерин, ал эми калганы болсо, саясатташкан, күндөлүк кызыкчылыктарга ыкташкан комформисттик жазмакейлер экенин ал жакшы түшүнгөн. Андайларды жазгандан көрө, жазбай тим жүрүүнү туура тапкан. Андан көрө котормочулукту искусство деп эсептеген. Узакеңдин бирден-бир сыры ушунда деп ойлойм.
Бирок адамга берилген өмүр кыска, тез өтөт. Ойлойм, Узак ага бере турган асыл-заттардын четин да ойбой кетти. Бул мезгилдин, доордун драмасы, ошого байланыштуу жеке инсандын драмасы.
“Адабий айкаш” китебинен