Касым Сулайманов
Норка шуба
Нурлан мектептен карындашы Алияны ээрчитип сабыры суз келди. Чоң энеси Алмагүл онтолоп жатып, башын араң көтөрдү. “Келдиңби, балам, курсагың ачкандыр, Алияны жаныңа чакырып чай ичип алгыла”,- деп керебетинде ары оодарылып жатты.
-Эне, сиз да биз менен бирге чай ичиңиз,- деди Нурлан.
-Көңүлүмө эч нерсе барбай жатат.
-Ачка жата бересизби?
-Анан кантейин, башым айланып жатат.
-Атамдар качан келишет, доктур чакырып, сизди көрсөтсө болот эле.
-Э, балам, жанагы Айнура эжеңдин биз менен иши болбой калды го, ошол келсе, атаң да кошо келет. Ээ, кудай! Бир өзүң сакта, өзүң шыпаа бер!.. Эне алсыз шыбырап кудайга жалынып жатты.
Нурлан карындашын эшиктен чакырып келип, эптеп чай ичкен болушту. Көбүнчө кургак нан жеп эле алышчу. Алия кайрадан эшикке чыгып кетти. Атасы Нурланга көп жумуш тапшырган. Анын баарын күндө аткарып жүрөт. “Уйлар менен койлордун бири дагы жоголбосун”,- деген, минтип энесинин ооруп жатышы Нурланды санааркатты. Алия энесин жакшы көргөнү менен, азырынча ага жардам бере коё алчудай эмес.
Анын суу бериштен башка эч бир иш колунан келбейт, азырынча жаштык кылат. Нурлан атасынын айткандарын аткарбай, энесинин жанында болуп, колунан келишинче карап, тамак ичиргиси келди, бирок малды карабаса атасынан катуу сөккү угат. Ушул эки бир тууган небересине жан дили менен күйгөн бир гана чоң энеси. Аларга айланып-үргүлүп бардык жагынан карап, суук көздөн коргоп келет. Кээде атасы Аскар корсулдап балдарга тарбия бермекчи болгондо, чоң эне: “Секин сүйлө, балдарыңдын көңүлүн оорутпа, ансыз да өксүп жүрүшөт, көңүлүн көтөрүп, эркелетип сүйлө”,- деп айтып турат. Эми мына минтип дайыма коргоп турчу чоң энеси ооруп, кароосуз жатканына Нурландын ичи туз куйгандай ачышты. “Өз апам Саара болгондо чоң энем минтип кароосуз калып, ооруп, ачка жатмак эмес…”,- деп ичинен арман кылды Нурлан. Азыр энеси уктап жатабы, же ойгообу билинбейт, бирок онтогону басылып, тынчып калды.
Нурлан төш чөнтөгүнөн апасы экөө түшкөн сүрөттү алып чыгып, бир кыйлага чейин тиктеп отурду. Бул сүрөткө 1-сентябрь күнү, Нурлан биринчи жолу мектепке барганда түшүшкөн. Ошол күнү апасындай сулуу аял жок эле. Ал колуна чо-оң гүлдесте көтөрүп, жылтылдаган кара чачын өрүп артына таштап коюп, Нурланды кучактап, башына башын тийгизип түшкөн сүрөт болчу. Нурландын көзүнөн жашы куюлуп жатты. Апасын аябай сагынган эле…
Анын Россияга кеткенине жети жыл болуптур. Алия бир жашында калган экен, андыктан ал апасын анча билбей чоң энесин апа ордуна тутуп, апа деп да алган. Нурлан эркеликке салып апасынын мамагынан эмип да жиберчү, апасынын ошондогу жыты эмгиче мурдунан кетпей жүрөт. Анын айланып-кагылып, асманга ыргытып эркелетип, кошо кыткылыкташып жыргап ойноткону эмгиче унутулбай, дайыма көз алдында. “Апа, качан келесиз?…”. Апасынын сүрөтү менен сүйлөшөт, келип калабы деп саат сайын жол карайт. Жети жылдан бери күн сайын ушул…
Апам келсе экен деп кудайга жалынып зар ыйлайт. Апасы түшүнө да көп кирет, экөө кучакташып, жытташып турган болот, анан ойгонуп кетет. Ойгонгонунда апасынын жок экенин көрүп өкүнүп алат. Акыркы көргөн түшүндө апасы алыстан суз гана учурашып, Нурландын ээрчигенине болбой кетип калды. Артынан ээрчип: “Апа-а, кайда-а, токтой ту-ур?”, деп зар ыйлап кала берди. Ошондо апасынын карабай кеткени үчүн ушунчалык катуу өңгүрөп ыйлады. Уктап жаткан жеринде төшөгүн тепкилеп, “Апа-а, мен да барам!”,- деп бакырып ыйлады. Чоң энеси чочуп кетип, чуркап келип кучактап калды, айланып-үргүлүп, “Эмне болду, Нукан? Айланайын, садага болоюн…”,- бир чети коркуп, бир чети небересине не болгонуна баамы жете бербей, соорото албай алектенип жатты. Нурлан биротоло ойгонду: “Апам бир машинага түшүп, мени таштап кетип калды…”,- деп солуктап, энтигип, көзүнүн жашын тыя албай турду.
Мына азыр да апасынын сүрөтүн карап отуруп, барган сайын өзүн токтото албай, солкулдап ыйлай баштады. Ооруп жаткан энесин беймаза кылгысы келбей, эшикке чуркап чыгып, эч кимге көрүнбөй, эч кимге угузбай аста өңгүрөп көпкө ыйлады. Ошентип көпкө ыйлап, ички бугун бир чыгарып алып, бир топто барып сооронду Нурлан.
Акырындап күндө кыла жүргөн иштери эсине түшүп, кашаада камалып жаткан койлорун чыгарып, талаага айдап жөнөдү. Койлордун артынан ээрчий басып баратып, бүгүнкү мектепте болгон окуялар эсине түштү.
1-сентябрь – окуучулар жана мугалимдер үчүн чоң майрам. Көпчүлүк ата-энелер мектепке балдары менен кошо келишиптир. Ар бир ата-эне өз балдарына укмуш кооз гүлдөрдү, белектерди карматып коюшуп, өздөрү балдары менен кошо турушат. Ата-энелер да, балдар да майрамдагыдай жаңы, кооз, таза кийимдерди кийинишкен. Алия экөө гана байкап-бакса көзгө комсоо, жарашыксыз кийинген Алия экөө эле экен. Нурландын көзүнө Алия карындашы башка окуучу кыздарга салыштырмалуу бир бечара сыяктуу көрүндү. Чоң энеси ооруп, чачтары дагы оңдуу таралбаптыр, ошонун баарын байкаган Нурлан өзүнөн-өзү кемсинип, өзүнөн-өзү корунуп турду.
Энеси оорубаганда Алиянын башын жууп, чачына бантик тагып бермек, ал эми апасы Саара болгондо, балдардын баарынан алды болушмак. Нурлан башкалардан кем болуп көрүнгөнүнө намыстанып, арданып, мектептен суз кайткан…
*****
Нурландын апасы Саара мектепте башталгыч класс мугалими болчу. Ал келбеттүү, сулууча келин болчу, кийимди сымбатына жараштыра тандай билчү. Жаңы, саркеч нерселерден куру калчу эмес, күйөөсү Аскар менен ынтымакта, сыйлашып, таттуу жашады.
Ошол Нурлан биринчи класска барган жылы Саарага бир курбусу жаңы шуба алганын сүйүнчүлөдү, анан Саара атайын анын үйүнө барып, шубасын көрүп келди. Ал атайылап эле курбусуна арналып тигилгендей куп жарашкан норка шуба болчу. Курбусуна тымызын атаандашкан Саара кудум ошондой шуба алгысы келип, күнү-түнү ошону ойлонуп, акыры “норка шуба” деген дартка туш болду. Сааранын курбусу ал шубаны Дордой базарынан издеп жүрүп араң тапканын айткан. Саара шуба сатып алгысы келгенин Аскарга айтты, ал каршы болгон жок.
-Анын баасы канча экен?,- деп сурады Аскар.
-Ар баада экен, жакшысы жүз миң сомго чамалайт дешти го…
-Оо-уу, ага менин азыр күчүм жетпейт.
-Гүлүмкан деле ала алмак эмес, Россияга барып иштеп, бир жылда жүз элүү миң сом акча таап келиптир.
-И, анан сен да ошентейин дейсиңби?
-Ойлосоң, бул жерден андай акчаны таба албасак, эгер сен уруксат берсең мен деле ошолордой эле иштей алам…
-Анан качан келесиң?
-Келерки жылдын сентябрь айына чейин келип калам да.
-Алия кантет?
-Ал бир жаштан өтүп калбадыбы, тамак жейт, горшокко олтурат. Энем караан болуп турса эле болду.
-Эми, ошентип апамды кыйнайлыбы? өзүң деле ойлосоң, бир шуба кийет элем деп, атаң көрбөгөн жерлерде бир жыл мусаапыр болосуңбу. Ал жакта кантип иштеп, кантип жашайсың?
-Менин айлыгым аз, ал эч нерсеге жетпей жатат. Сенин тапканың болсо оокат-аш, утурумдук керек-жарактан артпаса, анан кандай кылабыз. Бир эле шуба албастан, андан арттырганымды сага апкелем да.
Аскар ыргылжың болуп бир топ олтурду, акыры жакшы көргөн келинчегинин капа болгонун көргүсү келбеди окшойт:
-Андай болсо, апамды көндүрөлү,- деди.
-Макул.
Мындай маек кийин да көп кайталанды, акыры экөөлөп жатып Алмагүл байбичени көндүрүштү. Элдин балдарынын баары эле ошентип туш-тушка барып иштеп, там-ташын, короо жайын оңдоп, оңолуп жатышканын айтып саймедирешти. Байбиче Алия али жаш, эне сүтүнө тоё электигин айтты эле келини менен уулу кептин баарын кулактарынын сыртынан кетиришип, суранып туруп алышты. Акыры ал айласыз макул болду.
…Аскар менен Саара төрт кой сатышты. Ошентип Саара Россиянын Самара аттуу шаарын беттеп Бишкектен поезд менен чыгып кетмекчи болду. Ал жакта Сааранын жыты тууган Сайра деген эжеси боло турган, ара-чолодо сүйлөшүп, өткөн-кеткенден, жаңылыктардан айтышып калышчу. Акыркы сүйлөшкөнүндө Саара: “Мен да ошол жактарга барып иштесемби деп жатам”,- деди эле, “Келе бер, сага иш табылат”,- дей салбаспы.
Ошентип Саара алыскы жолго камынып, үй-бүлөсү менен коштошуп, Нурлан менен Алияны алмак-салмак бек кучактап, “Айланайындарым, мен келгенче аман-эсен болгула, тамакты жакшы ичип жүргүлө, эч качан оорубагыла”,- деп чопулдата өөп, ажырашайын деп, кыя албай кыйылып жатып, көзүнө жаш алган боюнча жөнөп кетти.
Кайненесине кайрылып, “Апа, Буларды жакшы кара?”,- деп Алмагүл байбичеден да кайра-кайра суранып, акыры кайратына салып жөнөй берди. Эки баласы ээрчий ыйлап кала беришти.
Сайра поездде жол азабы деген эмне экенин өз көзү менен көрүп, Самарага жетип, эжеси Сайранын дарегин такси менен издеп жүрүп таап алды. Сайранын квартирасында беш күн жашады, алардын жашоосун көрдү. Бир бөлмөдө алты, жети адам тыгылып жашашат экен. Сайра экөө бир керебетке жатышат, ар күнү өзүнө ылайыктуу иш издейт. Ага көбүнчө эле курулуш жумуштары туш болуп жатты, андай иш аял кишиге өтө эле оор, андыктан Саара андай иштерге батына алган жок. Сайра эжеси соода-сатык кылат, Саара ага кошулуп кетейин десе, акчасы жок, аз акчасы барган сайын түгөнүп баратат. Сааранын айласы кетти, кайра үйгө тарта берсемби деген да ой келди, бирок жол киреси да жок. Бул жактагылардын ар кимиси өз иши менен алек, Сайра деле жарытып жардам бере алчудай эмес, антсе ал да күн сайын ар кайсы жерлерден иш караштырат. Саара күн сайын иш издеп чыгат, ал кыш бою бир жылуу жерде иштесем деп ойлогон. Сааранын жолу болбой жатты.
Ошондой куру далбастуу күндөрдүн биринде ылайык иш таппай, жатаканасына кайтайын деп аялдамада автобус күтүп турган, бир жагы чарчап, бир жагынан жолу болбогонуна капа болуп, Сааранын сабыры суз эле.
-Эмне мынча капасыз?
Ошол жерде турган бир топ адамдардын ичинен бир кавказдыктарга түспөлдөш, алтымыш жаштарды чамалап калган адам орусчалап сурап калды.
-Иштей турган иш издей берип чарчадым. Саара ушул тапта жумуш тууралуу азезилдин өзү менен болсо сүйлөшкөнгө даяр болчу.
-Сизге ылайык иш бар,- деди тиги киши дегеле камаарабай. Саара уккан кулагына ишенип-ишенбей кайра сурады:
-Мага айтып жатасызбы, мага ылайык жумуш барбы? Саара астейдил кулак түрө калды.
-Мага кудум ушу сиздей жумуш кыла турган адам керек, ылайыктуу киши карап жүрөм.
-А кандай жумуш?
-Азыр мени менен барсаңыз, көрсөтөм. Кавказдык мурутун сылап, тикирейе карап турду. Сааранын көңүлүн күдүк ой аралады.
-Бүгүн кеч болуп калды, дарегин айтсаңыз, эртең эртерээк көрөт элем.
-Эмнеге кеч? Иш жакса жатып иштейсиз, азыр иш менен тааныштырып коём.
-Жатып иштегени кандай, жатакана барбы?
-Бар.
-Ага айына канчадан бересиз?
-Бизде иштегендерге бекер. Жатаканадан кыйналып жүргөн Саарага жатакана бекер деген сөз майдай жагып, дилгирлентип турду.
-Анда макул, ишканаңызды бүгүн эле көрөйүн.
-Макул, анда бирге баралы.
-Анда кеттик, баса сиз кайсы жактан болосуз?
-Кыргызстандан.
-А-а, мен да мусулманмын, атым – Мустафа, Сиздин атыңыз ким?
-Саара.
-Биздин кыз-келиндерде да Саара деген ат көп учурайт.
-Сиздин улутуңуз ким?
-Азербайжан.
Экөө автобуска бирге чыгышты. Эки аялдамадан кийин Мустафанын үйүнө келишти. Мустафа чоң дарбазасы бар заңгыраган чоң үйдө жалгыз турат экен. Үйгө киргенден кийин эле ал жата турган бөлмөнү көрсөттү. Ал бөлмөдө диван, даяр төшөнчү, үйдө телевизор, муздаткыч, чаң соргуч сыяктуу жашоо үчүн керектүү буюм-тайымдар баары белен экен. Мунусу Саарага жагып турду. Эми иштей турган иш, айлык маселесин сүйлөшүп, келишим түзүү маселеси калды.
-Мен эмне жумуш кылышым керек?
-Ушул үй-жайды тартипке салып, карап турасыз. Менин кир болгон кийим-кечелеримди жууп, үтүктөп бересиз. Тамак кыласыз, кыскасы, үй кызматчысы болосуз. Жарайбы?
-Айлыгы канча?
-Азырынча жыйырма миң рубль, жатакана, тамак-аш бекер, жакшы иштесеңиз, айлыгыңызды дагы көтөрүп берем, макулсузбу?
-Макулмун. Саара ооз учунан муну айтканы менен негедир сабыры суз тартып, көңүлү түпөйүл болуп турду.
-А сиз эмне иш кыласыз?
-Мен ишкермин, бир канча ишканаларым бар, ошолорду иштетем.
Мустафа бардык жагы келишкен бул сулуу келинге жолукканына ичинен элжиреп турду. Айрыкча анын ачыктыгы, тартынбай сүйлөгөнү жакты. Саара дагы суроо узатты:
-Үй-бүлөңүз көрүнбөйт, аялыңыз, балдарыңыз кайда турушат?
-Үй-бүлөм жок, жаш кездеги аялым менен ажырашып кеткенмин, андан бир бала бар эле азыр өз алдынча болуп кеткен. Ошону менен азыр бой турамын.
-Бардык шартыңыз бар экен, эмнеге кайра үйлөнбөдүңүз?
-Ага шашылыш жок, убакты-сааты келсе үйлөнөрмүн.
Мустафа Саараны чочутуп албайын деп өтө аяр сүйлөп жатты. Көңүлүндө бул эч нерседен кабары жок, маңыроо тарткан аялды бат эле ийгерип, аял кылып алууга ишенич пайда болду.
Экөө бирге тамактанышты. Мустафа эч нерседен шек берген жок, анткени менен бул бир аферист аял болуп, бар тапканымды уурдап жолго түшпөсүн деп этияттанып да турду. Андыктан аста секин чекмелеп, аял тууралуу толук маалымат алууну чечти.
-Саара, бул жерге сен качан келгенсиң?
-Бир жумадан ашты.
-Үй-бүлө барбы?
-Бар, бир уул, бир кызым бар.
-Эриңчи?
-Бар.
-Эмне иш кылат?
-Үйдө эле, мал-салы менен алек.
-Өзүңдүн кесибиң кандай?
-Мугалим.
-Жакшы кесип экен, анан эмне силерде мугалимдерге иш жокпу?
-Иш бар, айлыгы аз.
-А-а, акча тапканы келдиңби?
-Ошондой.
-Анда паспортуңду көрөйүнчү.
Саара паспортун сумкасынан алып, Мустафага берди. Ал бир аз карап туруп, паспортту чөнтөгүнө салып койду.
-Сиз эми менде иштейсиз, паспортуңуз менде турсун. Качан кеткиңиз келгенде толук эсептешип болгондон кийин паспортуңузду кайра берем.
-Жок, паспорт менин өзүмдө болушу керек.
-Мен азырынча сизди жакшы билбеймин, ошого карабастан ушунча үй-жайды сизге ишенип таштап жатам. Мен ууру аялдарга да туш болгонмун…
-Мен андай аялдардан эмесмин.
-Иштешип көрөлү, ал жагын турмуш өзү көрсөтөт.
-Эми уктап эс алыңыз, мен да өз бөлмөмө барып эс алайын.
Мустафа өз бөлмөсүнө кетти, Сааранын паспортун жашыруун жерге бекитип, эми качып кете койбос деп кубана ойлоп, диванга чалкалап жата кетти. Бакудагы үй-бүлөсүн ойлоду, бир уул үч кызы бар, алардын алды окуу жайды бүтүп, арты – студент. Ар жылы барып бир ай жүрүп келет. Эгер ылайыгы келсе, Саарага үйлөнүп, бул жакка жайгаштырып койсом деп кыялга жетеленди. Бакудагы балдарын бутуна тургузуп койду, азыраак чыдаса баары жайгашат. Мен өзүм үчүн да жашашым керек го… Анан чечинип жатып бат эле уйкуга кетти.
Саара мындай жыргал жашоого ишене албай турду, келечектеги аткара турган иши колунан деги келет, Мустафа… Мустафа татаал киши окшойт, анын кыял-жоругу кандай, ага мамилеси кандай болот, ардемени ойлоп кооптонуп да кетет Кыйлага чейин уктай албай жатып, анан эжесин эстей калып, ага телефон чалды.
-Алло, Сайра эже, менден камтама болбогула, жатаканасы бар жумуш таптым. Бүгүн ошол жерде түнөп калдым…
*****
Мустафа өз иши менен алек, кичинесинен ишке бүйрө Саара анын үйүн мизилдетип, айткан ишин дароо аткарат. Каалаган убагында Аскар менен, балдары, энеси менен сүйлөшүп турду. Эки-үч айда он беш – жыйырма миң рублдан акча жөнөттү. Үйү менен сүйлөшкөн сайын Нурлан: “Апа, качан келесиз, сизди аябай сагындык”,- деп сурайт.
-Дагы бир аз иштеп, акча таап алайын, анан барам, уулум. Чыдап тургула,- деп жооп берет Саара.
…Мустафа менен Саара жаңы жылды бирге тосушту. Бири-бирин жаңы жылы менен куттуктап, улам коньяк татып олтурушуп, кыйла кызый түшкөндөй болушту. Мустафа ёлканы укмуштай кооз жасалгалап, жаңы жылга астейдил даярдык көргөн. Сааранын көңүлүн көтөрүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, көзүнүн агы менен тең айланчудай болуп турду. Жай музыка ойнолуп, экөө бирге бийлешти. Бийлегенде да кучакташып алып, улам эриндеринен сорушуп, баштарын бириктирип, ысык сезимге берилип, сүйүүгө балкып бийлешти. Эми экөө бири-биринен эч бир тартынбай, улам жакындашып, магдырап, жылуу сезимге алдырып баратышты. Саара да эркектин жытын ушунчалык сагынган белем, барган сайын ырахаттанып жатты. Мустафа андан дээрлик өзүнүн жарым жашынча айырмада болгону менен, Саара өзүн ага тең курбудай сезе баштады.
Мустафа ушуга чейин өзүн Саарадан оолак кармап, жумшак, бирок олуттуу мамиле кылып, маданияттуу адам экени көрүнүп турчу. Канткен менен кексе киши да, тоонун кекилигиндей элеңдеген сак келинге кантип жакындашуунун айла-амалын көңүлүнүн тереңинде боолгоп, ошол максатына жетүүгө карата кынтыксыз, карышкырдай аяр жол тартып келе жатты. Анын мындай токтоолугу Саарага да жакчу.
…Ошол күндөн баштап, экөө бирге жатып, эрди-катындын тирилигине өтүштү. Күттүргөн жаз да келди. Саара кош-кат болуп, барган сайын курсагы чоңоюп, Мустафа ансайын алды-артына түшүп, эмне кааласа ошонун баарын аткарып турат. “Кыргызстанга жайында кайтам” деген оюн курсагы тып басып, айласы алты куруду. Анысын алдыртып эле салат болчу, бирок Мустафа таптакыр болбой койду, бул анын ашкере куулугу беле, же чындап эле бала көргүсү келгенби – ал жагын ким билсин, айтор курсактагы баланын көрөр күнү бар экен, күн санап жетилип келе жатты.
Анан айылга телефон чалганды токтотту, Аскар канча жолу телефон чалса, жооп бергенге кудурети жеткен жок, анын, кара чечекей балдарынын алдындагы айыбы жер каратып, кудурет-күчүн кетирип, эл караган жүзү жер карады. Анан балалуу болушту.
Күндөр, айлар өтүп, жыл алмашты. Саара ак эткенден, так эткен норка шубанын эң мыктысын кийди, “Джип” машина минип, Мустафадан бир уул, бир кыз көрдү. Аларды да жанындай көрөт, эми кет десе да аларды таштап кете албай турган болуп байланды. Кудай насип кылса, Кыргызстанга бир барсам, балдарымды көрсөм деп кыялданат, бирок ага колу жетпеди. Анан Аскарга да ал тууралуу кабар жеткенби, же өзү эле түңүлгөнбү, айтор үйлөнүп алганын укту, Сааранын көңүлү ошондон кийин биротоло сууду. Мустафадан төрөлгөн балдары калың кара каштуу болуп, кыргызга окшошпойт, алар Россиянын атуулу, азербайжан улуту болуп катталышты.
*****
Аскар күтүп-күтүп жүрүп, акыры көңүлү сууганда Саарадан түңүлүп, жаңы гана эринен ажырашкан жаш келинге үйлөндү. Мунусу абдан эле эрке чыкты. Дайыма Аскарга Алия менен Нурландын кетирген кемчиликтерин айтып арызданчу болду. Анын тилине кирип Аскар балдарын корсулдап, катуу тилдеп коёт. Ага айрыкча Нурлан катуу өксүп, көп жолу ыйлап жүрдү. Аны көргөн чоң энеси Алмагүл өксүк неберелерине болушуп, Аскарга да келинге да катуу тийип, болушуп жүрдү.
Нурлан да, Алия да чоң энесин апа дешчү. Эми экөөнү коргой турган тоодой тиреги ошол чоң энеси эле. Саара болсо Россияга кеткен боюнча келбей койду. Кийинки күндөрү анын тирүү же өлүү экени жөнүндө кабар жок. Алия апасын түшүндөгүдөй гана элестетет. Өңү-түсү кандай экенин так биле албайт. Нурлан апасынын бүт тышкы келбетин, өңү-түсүн, күлкүсүн, элжиреп берилип, балдары үчүн үзүлүп түшүп жүргөнүн даана билет. Анын мээрими балдарына дайыма төгүлүп турчу. Азыр да апасынын жыты Нурландын мурдунан кетпейт. Уктаар алдында дайым апасын эстеп, анан ушунчалык мээрим төгө жыттап, эркелетип сүйгөндүгү, дайым таза кармап, жууп тарап, жаңы кийимдерди кийгизиши, күлүп-жайнап өзгөчө мээрим менен тиктеши Нурландын көз алдында турат.
“Курсагың ачтыбы?” – деп улам-улам сурап, тамак берип камкордук кылып турушу эч качан эсинен кетпей Нурландын көз алдында турат. Уйкусу келбей апасы дайым көз алдына келип азыр эле аны кучактап жыттап, сагынычын айтып ыйлагысы келет. Көбүнчө ошондо көзүнөн жашы шорголоп, шор жашы оозуна кирип кетип да жүрдү. Кээде апасын эстегенде ордунан тура калып эшикке чуркап чыгып, апасынын баскан турган жерлерин издейт. Анын ичи муңга толот. Эч кимге угузбай апасын жоктоп өпкө өпкөсүнө батпай солкулдап ыйлайт. Нурлан апасын бир көрүп кучактап жыттап, сагынычын чыгарып алсам арманым болбос эле деп ойлойт өзүнчө. Апасын көрүүгө куса болуп, анын мээримине тойбой өтө жүдөп, кыял жоругу да өзгөрүп түнөргөндөн түнөрүп жүрдү. Дайым саат сайын, ар күнү апасын келет деп күтүп, үмүтү үзүлгөн жок.
Нурландын жанын кыйнаган, ага оор таасир эткен дагы бир кайгы таянар тиреги, жөлөнгөн аскар тоосу болгон чоң энесинин ооруп жатышы болду. Ага эч жардам бере албаганы ичин ачыштырып жатты. Энесинин тура албай жатышы балалык жүрөгүн өйкөдү. Карыган апасы катуу ооруп жатса, Аскар аялы менен анын төркүндөрүндө айылдап жүрүп, үйүнө кеч кайтышты. Карыганда адам ооруй бере турган болуп калат турбайбы, ошонун бири да дегенсишип кемпирге жарытылуу көңүл бурушкан жок. Алмагүл байбиченин акыбалын чындап зээн салган эч ким болбоду, Анын колу-буту иштебей, керебеттен тура албай калды, инсульт дешет тура мындайды. Анысын кийин байкашып ооруканага жеткиришкенде, кеч болуп калган экен, ошентсе да жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Ал жерден деле жылыш болбой, Алмагүл байбиче эртеси бул дүйнө менен кош айтышты.
Аны үйгө алып келгенде Нурлан чучукка сайгандай чыңырып, энесин бекем кучактап, коё бербей тырмышып, карап турган элдин баарын ыйлатып, “Апа, сен жок эми мен кантем?”,- деп тыбырчылап, башын ташка койгулап ыйлады. Ал жерде тургандар Нурланды колтуктан өйдө көтөрүшүп, “өлүм ар кимдин башында бар, карыган кишиге анте берчү эмес”,- дешип кайрат айтышты. Нурлан жедеп алдан тайганча үзүлүп түшүп ыйлады, дегеле токтой алчудай эмес. Үйдүн ичинде турган аялдар: “Балам, болду эми, эртең эл келет, жакшылап өкүрүп тур”,- дешип, Нурланды эшикке чыгарып жиберишти. Ошондон кийин Нурлан менен иш алган эч ким болбоду.
Элдин баары Алмагүл байбиченин каадасынын камы менен алек болушуп, ар ким ар түрдүү кызмат менен алпурушуп жүрдү. Эл чогулуп, кыргыз үй тигишип, мал союп, айтор бытырап эле калышты. Бир маалда Аскар баласы Нурланды издеп таппай калды. Аны менен кошо эки-үч адам издешип, атканада Нурландын асылып калганын көрүшүп, чуркап барышты. Жетип эле кучактап көтөрүп, жипти кыйып жиберишти, Нурлан энеси менен кошо түбөлүк жайга кете бериптир…
*****
Нурлан бул дүйнө менен коштошкон мүнөттөрдө Самарадагы Сааранын жүрөгү бир булкунуп алып, анан туйлай баштады. Саара не шумдук болуп кеткенин түшүнбөй жүрөгүнүн тушун басып көпкө олтурду. Жүрөгү өзүнөн өзү элирип Кыргызстан оюна түштү, Нурлан менен Алияны эстеди. Аларды эстегенде Сааранын көзүнөн жашы өзүнөн-өзү шорголоду. Ачуу жашына мурдунун суусу аралашып, өзүнчө буулугуп, бир топко ыйлады.
Анан өзүн алаксытмакчы болуп, уулу менен кызын эркелетти, бирок жүрөгү дагы деле элеп-желеп болуп, эмнегедир элирип турду. Азыр ушул тапта гана Кыргызстанды, ал жактагы балдарын ушунчалык сагынгандыгын сезди. Эне жүрөгү ушунчалык алыстан болсо да бир жамандыкты сезгендей болду. Эми канчалык сагынса да уулу Нурланды көрбөйт. Самарага Саараны норка шуба азгырып алып келген эле. Анын жылуулугунан Кыргызстандын жылуулугу он эсе жогору экенин Саара эми сезди. Канчалык Кыргызстанга барууга аракет кылса да Мустафага турмушка чыгышы бетине чиркөө болду. Мустафадан төрөгөн эки баласын таштап Кыргызстанга кете албайт. Азыр Мустафанын үй-жайы да, норка шуба да, “Тойота” жип машинасы да Кыргызстандын жерине салыштырмалуу пол жуучу чүпөрөктөй сезилип калды Саарага. Акча, байлык туулган жери Кыргызстандын бир айылынын бир көрүнүшүнө алмаштырганга болбой тургандыгын Саара аябай кеч сезди. Баягы 1-сентябрда Нурланды мектепке алып барган күндөрү эсинен кетпей койду. Саарага Мустафанын келишимдүү үйү, анын ички жасалгасы, толгон- токой байлыгы көрксүз, жагымсыз мисирейип турду. Гардеробдон өзү эңсеп жүрүп Мустафага алдырып кийген кымбат баалуу норка шубаны атайын алып кресло үстүнө таштады. Аны көрүп ушул мүнөттө Сааранын көңүлү чөгүп, кирдеп турду. Ушул шуба анын башын айландырып арбап, өзүнө кызыктырып алдап, ушул жакка алып келгендей туюлду. Сааранын көңүлү уйгу-туйгу болуп, бир кызыкча эле, ал ушул шубадан кутулса эле бул абалдан чыга тургандай сезди. Анын азыркы абалы кыргыз жерине болгон, Кыргызстандагы ынтымактуу, бактылуу туңгуч үй-бүлөсү Нурлан менен Алияга болгон сагынычы, эстен тандырган кусалыгы болчу. Өзүнүн жеңил баалуулугуна, туруксуздугуна, шайкелеңдигине, акчага кызыккандыгына арданып, намыстанып, Кыргызстандагы мугалимдик ишин, үй-бүлөсүндөгү эң жөнөкөй нарктуу жашоосун сагынып, эмне кылар айласын таппай, кыжаалат болуп арманы ичине батпай турду. Кыялында мурунку өзү сүйүп тийген эри Аскар менен Мустафаны да салыштырып көрдү. Аскар өзү жактырып сүйүп тийген чыныгы өмүрлүк жолдошу болчу. Ал эми Мустафа акча үчүн арбалган кары жана жагымсыз ойношундай эле. Азыр Сааранын жан дүйнөсү буюгуп, өзүнөн өзү токтоно албай буулугуп, жөргөмүштүн торуна түшкөн көпөлөктөй алсыз абалда болду. Ал көзүнөн куюлган салаа-салаа мөлтүр жашын колу менен сүртүп, мурдун шор тартып алып, норка шубаны апчый кармап эшикке сүйрөп жөнөдү. Аны короонун тээ чет жагындагы таштанды салчу темир ящикке ыргыта таштап, үстүнө күйө турган ыпыр-сыпырларды чогултуп, ширеңке тартып, от коюп жиберди. Норка шуба акыр-чикир менен түтөп, болор-болбос жалын чыгарып күйүп жатты.
Аны карап туруп, Саара норка шубадан өч алгандай жеңилдей түштү…
*****
Ошол мезгилде Кыргызстанда Сааранын айылдаштары Алмагүл байбиче менен Нурландын сөөгүн катар коюшуп, каңырык түтөп кайгырып турушту. Нурландын чөнтөгүнөн 1-сентябрь күнү апасы Саара менен түшкөн сүрөтүн таап алышты. Аны көрүп Аскар аябай өксүп ыйлады. Нурландын карындашы Алия гана кимди ылым санап, кимге барарын билбей, мостоюп, ар кимдин оозун бир тиктеп, жанын коёрго жер таппай жалгыз турду. Эми анын жашоосу кандай болот? Апасы Саара экөө качан, кантип жолугушат?
14-февраль 2017-жыл
Мундуз айылы