Эрктин күчү
(Даректүү баян)
Бул жашоодо адамдын башына эмнелер гана келип-кетпейт. Кандай кыйынчылык болсо да аны жеңүү үчүн зор кайрат, акылмандык, сабырдуулук керек эмеспи. Тилекке каршы, андай сапат баарына эле таандык эмес. Азыркы мен жазып жаткан окуя 1951-жылы февраль айында болгон. Анда Тагаев Бакир отуз жашка чыга элек, күчкө толуп турган кези болчу. Ал бою узун, келбеттүү жигит эле. Майрамдарда, тойлордо эр эңишке түшүп, чапчаңдыгын көрсөтүп, эл көзүнө көрүнүп белгилүү болуп калган.
Ал чоң көк атты сынына келтирип багып, жарашыктуу жабдыктап минип жүрөр эле. Анын ошол кездеги жүргөн-турган келбети азыр да менин көз алдымда элестеп турат, ал Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү кыштагында жашачу. Жаш кезинен орустар менен байланышып, алардын жашоосуна кызыгар эле. Көрсө, дээринде бар зирек жигит маданияттуу жашоого, ар кыл өнөрдү өздөштүрүүгө кызыккан экен. Орус тилин үйрөнүп, аны да жакшы сүйлөчү. Бал аарычылыкты үйрөнүп, мурдагы Октябрь районуна караштуу “Красный Октябрь” колхозунун бал аарысын багып жүрдү. Бал челектер Жазы-Кечүү кыштагынан жыйырма чакырымдай жогору жакка тоолордун арасына коюла турган. Кышында жанына мылтык алып, аны карап жатчу. Антпесе аюу келип, жашыктарды аңтарып, оозун ачып, аарынын кышкы тамагын жеп, аларды өлүмгө учуратат.
Ошол жылдын январь айларында Бакир акемдин келинчеги Назира жеңем ай-күнүнө жетип, аны Көк-Жаңгактагы төрөт үйүнө жеткирди. Ал жактан кайра кайтаарда бир жума бою басылбай борошолоп кар жаап туруп алды. Кар ушунчалык көп жаагандан, карды жиреп ат баса албай калды. Суу кар жаагандыктан ар жердеги бийик тоолуу жерден көчкү жүрө баштады.
Эл бири-биринин үйүнө катташа албай калышты. Ошол жылы бир эле чакан Жазы-Кечүү айылынын он эки тургунун көчкү алып, алар дым дарексиз жок болушту, алардын сөөгү июнь-июль айларында табылды.
Мен тааныгандардан Патанбай, Кимсан, Акыбай деген өздөрүнө тың жигиттер көчкү алдында калышты. Жазы-Кечүү кыштагында жашаган эл эч жак менен катыша албай, тамак-аштан кыйналышты. Мамлекет Жазы-Кечүүлүктөрдүн бул абалына жардам катары самолёт менен элге керектүү азык-түлүктөрдү таштап турду.
Бакир аке Жазы-Кечүүгө жапкак байланып, жөө барды. Жүз чакырымдан ашык жолдо кар жиреп, жапкак менен барганынын өзү эле андагы зор кайратты, ал-күчтү көрсөтүп турбайбы. Баса, аары жашыктардын үстү тептегиз болуп, жиксиз билинбей улуу кар басып калган. Өзү жашаган үй төштүн түбүндө, жерди түздөп, анан тургузулган. Төш жак дубалы жердин үстүнө таш төшөлүп, бир метрдей гана бийик дубал урулуп, үй боорго жармашып турчу. Бакир аке үйдүн үстүндөгү бир жарым метрден ашык карды күрөп, үйүнүн жыгылбай турганына өзү таң калды. Карды толук күрөп түштү да, эми от жагууга камынды. Мешке жакканы отун даярдап, үйгө алып келди. Күрөндү кар эшикке толуп, үйдүн үстү менен бирдей болуп калды. Эшиктин алдын гана күрөп ачты. Калганын эртең күрөйм,-деп ойлоду ал. Аңгыча күүгүм кире баштады. Чыракты тамызып, эми от жагууга киришти. Мешке отун салып, эми тамызып, отунду күйгүзө баштаганда «гүп» эткен катуу үн чыкты да, шамал болгондой туюлуп көз ирмемге жетпей, отунду кармаган бойдон бир нерсеге урунуп, отурган абалында кыңкайып оор жүктүн алдында калды. Заматта эмне болгонун сезбей калды. Канча убакыт өткөнү белгисиз, кайра бир аз эсине келе баштады. Көзүн ирмеп көрдү, көзү ирмелип жатат. Кыймылдап көрдү, колуна кар урунду. Көрдө жаткандай туңгуюк, капкараңгы. Өзүнүн тирүү экенине да ишенип-ишенбейт. Бутун сунуп көрдү, бутуна кар урунуп, сунулбайт. Эми азырынча тирүү экенине ишенди. Колдорун кыймылдатып көрдү, кадимкидей кыймылдады, бирок колдору кыймылдаган сайын койнуна кар кире баштады. Ошондо көчкү алдында калганын сезди. Өлөт деген ушул экен деп ойлоду. Бирок жылт эткен үмүт жоголгон жок. Колу менен айлана-чөйрөнү сыйпалады. Бутунун уч жагы карга аралашып жатканы менен көкүрөк жагы коңулда калып, бир аз боштук бар экенин байкады. Кардан эки бутун жыйрып, бүктөлүп жаткан абалында сууруп алды. Эми толук эсине келди. Ушул абалым түш эле болуп калса экен деп тиледи. Денесинин бардык жагын сыйпалап көрдү. Көзүн, бети-башын сыйпалады, эч кандай түш эмес, ойгоо эле көчкүнүн алдында тирүү жатканын анык билди.
Ушинтип жатып өлөмбү деп ойлоду ал. Жашоонун үмүтү жылтылдап үзүлбөй турду. Кайраттанып акылын токтотту. Ушул жерде тыбырап өлүп калуусу көзүнө көрүнүп турду. Акыркы дарманы калганча өлүм менен кармашууну чечти. Муштумун бек түйүп, тиштенип, жаактары да түйүлүп, өзүнчө бир зор кайратына келди. Эң негизгиси жашагысы келди. Жашоонун үмүтү жакындай баштады. Назира жеңени ойлоду, тили таттуу үч жаштагы уулу Закирди ойлоду, ошолорду мурдагыдай сүйгүсү, эркелеткиси келди. Алардын элеси зор кайрат, эрк берди. Туңгуюк, караңгы көрдө жатып, ой, максат менен үмүт менен, жашап жатты. Тим эле бечара болуп кар алдында жатып, өлүп калбашым керек деп чечти. Эң негизгиси эч жерим оорубайт, деним сак. Ушунун өзү мен үчүн зор үмүт. Дем алуусу бир аз кысылганы менен чыдоого болот. Улам айлана тегерегин тээп, колу менен түрткүлөп кеңейте баштады. Өзүнө ишеним күчөп, руху көтөрүлө берди. Эми кантип тышка чыгып кетүүнү ойлоду. Көчкүнүн калыңдыгы канча, тешип чыкканга алы-күчүм жетеби, кантип көзөп өйдө карай жылып чыгып кетишим керек, ушул ойлор сарсанаага салды. Психологиялык жактан жана руханий жактан ишенимге өзүн толук даярдады. Ким билет, эгер эрки алсыз адам болсо жүрөгү жарылып өлүп калмак. Көчкүнүн калыңдыгы боюнча он-жыйырма метрдин өлчөмүн алды кыялында. Мешке жагып жаткан чабынды отундарды сыйпалап көрүп кубанып кетти. Бул тараша отун карды казуучу курал деп сүйүндү өзүнчө. Карды кантип казып, өйдө көтөрүлүп чыгууну да акылга салды. Өзүнүн акылын ишке ашыруу үчүн тажрыйба жасап, карды казып, иштеп көрдү. Ким көчкүнү көргөн болсо – билет, көчкү токтогон жеринде цементтин сыңары зыңкыйып катып калат, аны тараша жыгач менен тазаламак тургай, үстүнөн лом уруп киргизиш кыйын. Анын багына дубалдан ашып түшкөн көчкү ылдый беттеп кетип, дубалдын түбү кыйла эле көпшөк экен. Айлана-тегерегин кеңейтип казып, улам казылган карды таман астына ныктап басып жатты. Кар улам алдына катуу басылып, тепкилеген сайын төбөсү төмөндөп жогору көтөрүлө берди. Чарчап-чаалыгуу азырынча оюна да келген жок. Колу карга какшап үшүсө да аны эмне болсо ошол болсун деп этибарга алган жок. Казып чыгып кетүүнү максат кылып, улам ишеним күчөп, күчүнө күч кошулду. Канча саат өткөнү белгисиз, ошол көрдөй капкара түнгө да көнүгө баштады. Улам төбөдөн карды жыгач менен казып түшүрүп таман астына тепкилеп ныктап жатты. Күшүлдөп-бышылдап иштеп жатканда аба жетпей деми кысылат. Ошол мезгилде беш-он мүнөт аргасыздан дем алып алат. Алы-күчүн да колдон келишинче үнөмдөп турууга аракеттенди. Иш али оор экенин жакшы түшүнөт. Төбөсүндөгү карды казып түшүрүп жатып, ага бою жетпей калганда айланасындагы карды кеңитип казып тебелөө менен өйдө карай көтөрүлүп барат. Карды астына канчалык көп тебелеген сайын өзүнө чыгып кетүүгө ишеним күчөдү. Улам төбөдөгү шыпка төбөсү тийип калганда төбөнү каза баштайт. Колдору какшаганда эки колтугуна бекитип, өзүнүн деми менен бир аз жылытып алып жатты. Карга кайрадан чөмүлүп кала тургансып, төбөдөгү кар «гүп» этип түшүп кетип былчыйта баса кала тургандай кооптонуп аз-аздан абайлап казып калат. Ошентип казып олтуруп өз ишинин чебери да болуп калды. Ошондой шартта ким билгичтик менен иштей алат? Адам башына ал күндү салбасын.
Көчкү бийик чокудан башталып, бир бет бүт бойдон көчүп түшкөн. Кар көчкүнүн көчүшү бир укмуш. Бир заматта эле ушунчалык зор күч менен ошол бет куюн жүргөндөй аппак чаң көтөрүлүп, күркүрөгөн добуш менен чаңдуу бороон аралаш аары жашыктар турган түзөңгө селдей агып келип тоодой кар үйүлүп жатып калды. Боорго жармаштыра салынган жалпак там көчкүнүн биринчи эле келип урунушунда камгактай учуп кетти. Түзөң толгондон кийин гана көчкүнүн акыркылары топтолуп үйдүн үстүн калың катмар басты. Бакир аке кар менен кошо шыпырылып кетпей чоң ылдамдык менен келген кар, трамплинден учкандай үстүнөн учуп өтүп, дубал түбүндөгү казылган кычыктагы бир аз боштукта калып калган экен.
Бакир акенин үйүн, бал аарысын көчкү басып калганын Жазы-Кечүүлүктөр эртеси билип, тууган-уруктары бүт чогулуп келишти. Эр- азаматтар топтолуп бардык жагын байкап көрүштү. Кечээ ушул бал аарысы турган жерге келгенин туугандары, айылдаштарынын көпчүлүгү эле билишет болчу. Көчкү басып калганы анык болду. Аны издеп табуу, же таап казып алуу деги эле мүмкүн эмес эле. Жакын агасы Султан аке өкүрүп ыйлады. Айла канча, бардыгы эч нерсе колунан келбей мүңкүрөп турушту. Арга жок айылга куру келишти. Көчкүнү өз көздөрү менен көрүп тирүү каларын эстерине да алышпады. Кеңешип көрүшүп, кара ашын эртеси өткөргөнү чечишти. Аялдар, эже карындаштары, жакын туугандары ыйлашып, ызы-чууга түшүп калышты. Айрыкча бир тууган агасы Султан аке катуу күйдү. Тууган-урук, айылдаштары айласы түгөнүп айылга кайткандан жарым саатча кийин Бакир аке карды көзөп кар бетине чыгып жарык дүйнөнүн жыргалын түшүндү. Кыйлага чейин алсырап чалкасынан жатты. Бир канча убакыт өткөндөн кийин карды таянып башын көтөрдү. Бир суткадан бери тамак ичпегени аз келгенсип, ашыкча ал-күч жумшаганы болуп чаалыгып, чарчаганынанбы, мууну калчылдап, өтө эле алдан тайганын сезди.
-Эми өлбөйм, дагы мындан ары жашайм,- деп кайраттанды ал. Дагы карга батып коңулга түшүп кетпейин деп кооптонуп турду. Күндү карады, кечтеп баратат. Шашпай дем алгандан кийин айыл жак тарапка боортоктоп сойлоп жөнөдү. Көчүп түшкөн кардын үстүнөн өткөндөн кийин гана ордунан тик туруп издеп келген адамдардын изин көрдү. Эл жатарга жакын караңгы түндө теңселе араң басып Султан агасынын үйүнө кирип келди. Үй ичиндегилердин бардыгы кубанычы койнуна батпай, мойнунан кучакташып ыйлашты. Эртеси эл топтолуп кара ашка даярдалган союшту союшуп, кудайы тойго айланып Бакир аке менен элдин баары кучакташып көрүшүп, шаттуу күлкүгө айланды. Ошол мезгилде Назира жеңе Көк-Жаңактын төрөт үйүндө уул төрөдү. Ошондон кийин Бакир аке дагы үч уул, бир кыз көрдү. Бардыгы болуп алты баланын атасы болду. Назира жеңе экөө аларды тарбиялап, окутуп эрезеге жеткизип, тууруна кондурду. Азыркы күндө жалгыз кызы Нурия, кесиби боюнча мугалим, турмушта өзү менен өзү. Тун уулу – Закир ата кесибин карманып бал аарычы. Экинчи уулу – (ошо көчкү басканда туулган) Шакир мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрөт. Үчүнчү уулу – Касым бажы кызматында ишин аткарууда. Төртүнчү уулу – Рашит, милициянын генерал-майору, бешинчи уулу – Равил, бизнесмен. Бардыгы Бакир акенин өзүн тартып, акыл-эстүү, кайраттуу болуп чоңоюшту. Бакир Тагаев деген сыймыктуу ысымдын атын чыгарып, эл-журтка татыктуу кызмат аткарып жүрүшөт. Бир гана өкүнүчтүүсү тагдыр экен, Бакир аке менен Назира жеңе азыр арабызда жок…