Чөнтөк телефон
Асылкан тайраңдап эрке чоңойду. Кадыр үйлөнгөндөн кийин төрт жыл балалуу болбой жүрдү. Аялы Сонунбү экөө аябай ынтымактуу жашашты.
“Келинчегим төрөбөй калат окшойт, башка келин караштырсамбы, же доктурга дарылатыш керекпи”,- деп тынчы кете баштаганда гана Сонунбү кош бойлуу болуп, баарын күттүрүп төрөлгөн кызы ушул – Асылкан.
Ал төрөлгөндө Кадырдын бүт үй-бүлөсүнө майрам болгон. Бүт үй-бүлөнүн баарын зарыктырып төрөлгөн ымыркайдын үстүнө үйрүлүп түшө калышчу. Өтө көзүн караган кыз бир аз чемендүү да болуп чоңоюп жатты. Кадыр менен Сонунбү үч кыз, бир уулдуу болушту. Көзүн караган Асылкан бир тең, калган балдары бир тең эле. Асылкан балдар, кыздар менен ойноп жүрүп ыйлап калса да, Кадыр менен Сонунбү Асылканга болушуп, балдар, кыздарга жана алардын ата-энесине да суук тилин агытып өлбөгөн жерде калышчу. “Энеси болушчаактын баласы ыйлаак”,- дегендей Асылкан атасына, энесине көп арызданып ыйлап жүрдү. Ал мектепте сабак берген мугалим үй тапшырманы аткарууну, китеп окууну башка балдар катары талап кылса да, “Эже, агай урушту”,- деп үйүнө арызданып келет. Ага ишенип Сонунбү мектепке барып, түз эле мугалимдер каанасына кирип бүт мугалимдердин көзүнчө окуткан эжекесин болобу, агайы болобу алардын сазайын колуна берип, “Силерди соттотом, силерди жок кылам”,- деп чоң жаңжал салып, бүт мугалимдерге суук тилин агытып жүрдү.
Мугалимдер да бул жаңжалкеч үй-бүлөнү туура түшүнүп, Асылкандын окуусуна жүрүш-турушуна талап койбой, “Эмне болсо, ошол болсун” – дешип эптеп 11-классты бүтүрүп коюшту. Ошондон кийин мугалимдердин кулагы тынчыды. Асылкан 7-класска көчкөндө эле ата-энеси ага көзүн карап мобилдүү телефон алып беришкен. Ошол телефон менен көрүнгөн, көрүнбөгөн жак менен сүйлөшүп, ошону чукулап эрмек кылып орто мектепти бүткөн болду. Кийин чоңойгондо ден-соолугу жакшы болуп, сулууча келген ак маралдай келбеттүү кыз болду. Кадыр кызына чоң ишеним менен университетке чет тилдер факультетине жайгаштырды. Асылкан бир да сабакты өздөштүрө албады. Жазган жазууларын адам окуп болбойт. Орто мектепти сабатсыз бүтүргөнү билинип калды, эми Кадыр менен Сонунбү “мугалимдери начар” деп мектепке, Асылканды окуткан мугалимдерге доо коюп жүрдү. Сонунбүнүн жасаган жаңжалдарын, анын эч кеп жебегенин айтып, өздөрү айыптуу экенин бир топ мугалимдер мойнуна коюп коюшту.
Асылкан бат эле университеттен чыгарылды. Эки-үч жыл үйүндө бош жүрдү. Күндөрдүн биринде кокустан эле бир жигит менен таанышты. Ага чейин Асылканды тааныган бир да жигиттин көңүлү түшпөдү. Асылкандын келбети келишип сулуу болуп чоңойсо да аны тааныгандар ыйлаак, эрке, сиркеси суу көтөрбөгөн жалакай, эңкейип жумуш кылбаган жалкоо катары билишер эле. Ары анын апасы Сонунбү да кызына ашыкча болушчаак, суук тилдүү экени белгилүү болчу. Асылкандын эрмеги чөнтөк телефонду кечке чукулап “агентке” кирип жүрдү. Андан кийин ватсапка, интернетке кирип күн, түн тынбай ар кыл, ар ким менен мааниси жок сөздөрдү сүйлөшүп, күн өткөрүп жүргөндө эми жаңы таанышкан жигити эрмек болуп калды. Бул жигит 25-30 чакырымча алыстагы айылдан эле. Ал 11-классты бүтүп эле Россияга кетип ар кыл курулуштарда иштеп жүрүптүр. Ал жакта алты жыл иштептир. Ушул келишинде чыныгы сүйгөн кыз тапса, ага үйлөнүп, келинчегин Россияга алып кетсем деген ой бар экенин айтты. Асылканга өзүн Асан деп тааныштырды. Асылкан Асан менен ушунчалык жайдарылана эски тааныштай берилип, жакын мамиледе сүйлөштү. Өзү самап жүргөн жигитке жолукканын сезди. Аны менен өтө эле этият, ката кетирбөөгө аракеттенип сүйлөштү. Акылдуу ойлорду айтууга аракеттенип, өзүн дегеле турмуштун бардык тарабын билгендей кылып көрсөттү. Бүгүнкү заманда ошондой кылып Россияда иштеп жашоого каражат табуу эң туура чечим экендигин айтып, анын бул оюна кошуларын билдирди. Асанга жагынуунун бардык амалдарын издеди. Асан өз ичинде бул акылдуу сулуу кыздын башы бош экендигине аябай сүйүндү. Асылкан Асандын айткандарынын бардыгына макул болду. Бирок ата-энеси уруксат берсе гана Асандын ойлору ишке ашарын айтты. Өмүрлүк түгөйүм сендей жигит болсо бул дүйнөдө арманым жок эле дегенге чейин барды. Асылкан Асанды бардык жагынан арбап алды. Асан Асылканга тунук сүйүүсүн арнагандыгын айтты. Асылкан экөө үйлөнүшсө өмүрү өткөнчө Асанга ак кызмат кылаарын билдирди. Экөө бири-бирисиз жашай албай калышты.
Асылкан Асан жөнүндө апасына толук айтып берди. Сонунбү кызынын айтканына төбөсү көккө жетип сүйүндү. бирок кызы үй-бүлө курууга такыр даяр эмес эле. Сонунбү кызынын келечекте бактылуу болушу үчүн үй-бүлө куруп жашоого үйрөтүү жагын эч колго албады. Жалаң кызынын аман-эсен болуп чоңоюусун тиледи. Эси болсо башына келгенде өзү үйрөнүп алат деген ойдо болду. Аны бардык кыйынчылыктан коргоп, суук абаны да ыраа көрбөдү. Тим гана кызынын бактылуу болушун кудайдан тиледи. Бардык нерсеге жөндөмдүү кылып тарбияласа гана кыз бала болоорун туйбады. Асан менен Асылкан баш кошууга шерттешти. Асылкан бактылуу Асанга турмушка чыгууга макул болуп шерттешкенин апасына ачык эле айтып салды.
-Кандайча баш кошууну сүйлөштүңөр,- деди апасы.
-Ушундайча эле деп жооп берди, Асылкан.
-Той кылып, калың берип алабы экен, ошону айтып жатам.
-Ооба, ал жагын силер чечесиңер да.
-Ой , алтын кызым! Анда бизге баланын ата-энеси келип алдыбызга түшсүн, айтып кой,- деди Сонунбү.
-Атам эмне дейт, дагы бизди айнытып жибербесин.
-Атаң да сүйүнүп жатат, кыз балага солоктоп бой жүргөн жарашпайт,- деди Сонунбү.
-Анда Асандын ата-энеси жуучу түшүп келсин деп айтайынбы?
-Ошент.
Апасы менен макулдашып алгандан кийин аябай бактылуу сезди. Кийимдери турган бөлмөгө кирип жаңы, өзүнө жаккан кийимдерин алмаштырып кийинди. Анан кең коридорго чыгып, чоң күзгүнүн алдына келип өзүнүн бою менен турушун бир сыйра атайын карап көрдү. Чындыгында Асылкан сулуу эле. Ал өзүнө өзү суктанды. өзү тааныган кыздардын арасында Асылкандын азыркы турушуна тең келээр бир да кыз жок болчу. Бакыракай капкара кош кат көзү, куюлуп түшкөн мурду, эки көздүн үстүндөгү карлыгачтын канатындай кара кашы серпкенде жарашып турат. Боюна кийимдеринин отурганычы. Узун мойну койкоюп, эки мамагы көкүрөгүнүн кыйла алга тиреп, ичке бели, кең соорусу чебер сүрөтчү алтындан жасап койгон статуядай көрүнүп турду көзүнө. Жараткандын көркөм чеберчилиги ушунчалык болор. Денесин ар кандай көрүнүш абалына келтирип, сүрөткө түшүп жаткандай өзүн тиктеди Асылкан. Эми коё кал, укмуш кыялга чөгүп кетти. Жигитти тиктеген абалда жарк этип мээримдүү күлүп койду. Ушул күлүшү да өзүнө жакты. Дайыма ушул күлүштө жүрүүнү самады Асылкан. Эми ЗАГСка кийүүчү ак көйнөктү кийгендеги өзүнүн келбетин элестетти. Анын аппак жүзүнө чачынын жасалгасынын жарашыгын айтпа, тим эле узун солкулдаган ак көйнөктү кийгенде ак куу болуп ак булуттун арасында учуп жүргөндөй болду. Асылкан эшикке чыгып асманды да тиктеди. Асманда ак булуттар каалгып түндүк жакты карай сүрүлүп баратыптыр. Ошол ак булуттун арасында учуп баратты. Булуттарды узатып карап туруп анан селт этип жерде турганын сезди. Жаштык жана романтикалык кыял ушунчалык күлүк белем Асылкан учуп жүрүп кайра көз ирмемде жерде болуп калды. Асылкан асманды тиктегенде шамал анын чачтарын желпилдетип сапырып турду. Асылкандын капкара чачы да узун болчу. Сонунбү жашынан анын чачына өзгөчө камкордук кылып
жууп берип жүрөт. ушул убакка чейин бир жолу да чачын өзү жууп, өрбөптүр. Ал көп учурда чачын жуугандан кийин кургатып аны өрбөстөн тегиз тарап туруп артына таштап коё берет. Асылкандын чачы далысын жаап селкилдеп жүргөнү жүргөн. Асан Асылканды маңдайына бүткөн бир перисиндей көрөт.
Анын бардык кыймылы, сүйлөгөнү төп келишип, жарашып турганын байкайт. Аны ичинен кир жугузбай баккысы келет. Асылкан менен таанышкандан бери Асан да өзү боюна карап жарашыктуу кийинип, узун бойлуу кең далылуу болгондуктан, кыздар суктанарлык келбеттүү жигит болуп көрүнүп калды. Асан кудайдан: “Асылканды менден мурда бирөө алып качып кетпесе экен”,- деп тиледи. -Тойду да кечиктирбей, тез арада өткөрөлү деп атасы менен апасына айтсамбы,- деп да ойлоду. Ага Асылканга үйлөнүү үчүн шашылыш керек болду.
*****
Асылкандын атасы Кадыр менен Сонунбү тойду кандай өткөрүү жөнүндө кеңеш курушту. Той эл көзүнө айтып жүргөндөй болсун. Мени көрө албагандардын көзүнө көрүнөйүн,- деди Сонунбү. Септи болсо берген калыңына жараша берем, анча эле болсо базарда бардыгы даяр. Биздин үйдөгү тойдо бир жылкы, эки үч кой союлсун.
Жаштарга ЗАГСка чыгып ойногонго эки лимузин, окшош он ак жип кортежге чыксын,- деди Кадыр.
-Кагаз апкел, бардыгын жазалы. Экөө бардыгын кагазга жазышты.
-Ай, эң керектүүлөрү калыптыр,- деди Сонунбү.
– Кайсылар калыптыр?
-Кызың ЗАГСка кийчү көйнөк бери болгондо 25 миң сомдук болсун. Анан ресторандагы тойго биз жактан канча адамга чакыруу билет берилсин, жакындарыңдын көбү таарынып калбасын.
-Туура айтасың, жүз адамга чакыруу билет берилсе болот да.
-Ошол болот, анан бир кой кем жазылып калыптыр,- деди Сонунбү.
-Бир койду эмне кыласың?
-Күйөө балаңдын досторуна тартуу кылабыз. Алар эмне кылышты өздөрү билишет.
-Макул, аны да жаз,- деди Кадыр. Эрди-катын өздөрүнчө ушуга макулдашты.
-Ай, анан кудаларыңдын акчасы жетпей, биз айтканга макул болушпасачы?
-Жерден чукуп болсо да табат!..
-Кызың мындан башкага тийбейм деген.
-Тийбесе койсун.
-Биздин зоболобузду көтөрсүн да.
-Чын эле ошентсе кана.
Ушул макулдашууну кудасына сунуш кылмай болушту. Күнүн болжоп кудалар келишти. Ары тарт, бери тарт менен сүрүп отурушуп Асан тарап аргасыздан макул болушту. Той да өттү. Тойдун эртеси да болду. Ошентип Асылкан менен Асан үйлөнүп калышты. Экөө каалаган максаттарына жетишти. Эки жаш үчүн бул каалаган максат жана бакыт эле.
Алар бир чоң бөлмөдө жашап калышты. Асан баягы өзүнө белгилүү айылдагы үй тирилигине аралашып жүрдү. Асылкан бир күндө эки маал эшикке чыкпаса, башка убакта өз бөлмөсүнөн эшикке чыгып, үй жумушуна аралаша албай бир жума өзү менен өзү болду. Асылкандын ою боюнча ага ылайык үй жумушу жок эле. Ошентип ал келген жерине аралаша албай жүрөт.
Кайнатасы муну байкап байбичесине корсулдады:
-Келиниң бөлмөсүнөн чыкпайт, бөлүнүп өзүнчө жашайбы, аны үйгө аралаштыр деди.
-Өзү аралашпаса мен колунан сүйрөп келейинби,- деди Асылкандын кайненеси.
– Аны чакыр, алдыбызга салам берсин, ал жаш – үйрөнөт.
-Ошону жасаган эмес турбайымбы, айып менде,- деп кайнене Асылкандын үстүнө кирип барды. Телефон чукулап отурган жеринен тура калып кайненесине жүгүнүп салам берди Асылкан. Кайнене ыраазы болуп, “Кудай жалгасын, алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын, ырахмат келиним. Эми мени менен жүр, кайнатаңдын алдына барып да ага салам салып жүгүнүп кой”,- деди кайненеси.
Кайнатанын алдына келип да салам берип жүгүнүп койду Асылкан. Кайната жетине албай “Ырахмат балам, алдыңды бала, артыңды мал бассын бактылуу бол, эми биздин бүлө болуп калдың, кыздарымдын бири болуп, тартынбай, биз менен аралашып жүрө бер”,- деп алкады кайната. Ошондон кийин Асылкан эрте менен туруп эле кайната, кайненесинин ден-соолугун сурап, аларга дасторкон салып чай берип жүрдү. Калган убактысын бүт телефон чукумай, сүйлөшмөй интернетке кирмей адатына өтүп алды. Кайненеси болсо бул дагы бирөөнүн ардактаган баласы, келиним али жаш. Келечекте кагылат- согулат, булар киши болгуча качан,- деп аны аяп жүрдү.
Күндөр өтө берди, ай артынан айлар өттү. Асылкандын телефон чукумай адаты уламдан-улам күчөп, ага күзгү карамай, бети-башын боёмой адат кошулду. Аял затынын бүт үй жумушу дагы деле кайнененин мойнунда калды. “Мен эч нерсе болбойм, келиним али жаш, көрө, көрө көсөм болот”,- деп сабырдуулук менен өзүн сооротуп жүрдү.
Келинчегинин жалкоолугун, апасына жардам бербей бөлмөсүндө гана күн өткөрүп жатканын Асан абдан байкады. Арадан үч айдан ашык убакыт өтсө да үй тиричиликке эмдигиче аралашып кызмат кылбай жүргөндүгүнө таң калды. Асылкан мындай болсо келечекте жашоо кандай болорун да ойлонду. Эх..! деп бармагын тиштеди Асан. Россияга Асылканды алып кетсе, ошондо шору куруй турганын, ал жакта аялы ашка жүк, башка жүк гана болорун анык сезди. Өз ичинен бышып, сарсанаа болуп жүрдү Асан. Асылкан менен жашоо жөнүндө акырын маектешип көрүүнү чечти.
Бир күнү кечки тамак ичилип бүткөндөн кийин жатар алдында Асан сөз козгоду:
-Ыя, Асылкан экөөбүз кантип жашайбыз?
-Ушинтип эле,- деп жылмаңдады Асылкан.
-Кантип?
-Ушинтип жашаганыбыз мага жагат.
-Экөөбүз жалаң телефон чукуласак, тамак-аш кантет, бизди ким багат?
-Сен да, сен мага окшоп, телефон чукубайсың го.
-Мен да чукулайынбы?
-Жок, сен акча табышың керек.
-А сенчи?
Асан Асылканга ичи чыкпай ичинен нааразы экенин түшүнөр деп берген суроолоруна жаш баладай эч нерсени байкамаксан болуп, кайненесинин ишин, ага болгон мамилесине, бүгүнкү жашоосуна ыраазы экендигин билдирип жооп берип жатты Асылкан. Мунусу Асанга кем акылга окшоп көрүндү. Асандын жини келди:
-Уялбайсыңбы? – деди Асан.
-Эмнеге уялам?
-Сен келинсиңби, же жатып ичер королевасыңбы?
-Мен канча тамагыңды ичип койдум, ичкен тамагымды кайра менден доолайсыңбы? Мени багам,- деп алгансың. Эми чыдап багасың,- деди Асылкан кабагын бүркөп.
-Сени минтип жаткызып алып өмүр бою бага албаймын. Сен да үй- бүлөнүн бардык иштерине катышып кызмат кылышың керек.
-Эмне, сенин сонундугуң таркадыбы? Мага мынча орой мамиле жасайсың?
-Менин айтканым оройбу?
-Орой!
-Эртең талаага чыгып, мени менен бирге картошка тересиң.
-Мен андай жумуш жасаган эмесмин, чыдасаң мени менен жашайсың,- деди Асылкан көзүнөн жашы мөлтүрөп куюлуп.
-Жатып ичээр жалкоого мен да мындан ары чыдабайм. Мен ала электе бардык жумушуңду аткара алам, бардыгы колумдан келет дегенсиң. Эми ошол айткандарыңды унутуп калдыңбы? “Сени бардык жактан колдойм”,- деп айтчу элең го. Мен чарчадым, мага өзүмө гана төшөк сал,- деп Асан эшикке жөнөдү.
Асылкан ыйлап отуруп калды. Асан бөлмөгө кайра кирсе орун салбаптыр. Асылкан солкулдап ыйлап отурат. Асан өзү орун даярдап тескери карап жатып алды. Асандын минтип тескери карап жатып алуусу Асылканга аны сайын оор тийди. Асылкан өзүн эч кимге керексиздей сезди. Асандын бүгүнкү мамилесин эч качан күткөн эмес. Ыйлап, ыйлап отуруп сооронду да баягы адатынча уйкусу келбей телефон чукулап интернетке кирип өзү каалаган уят-сыйытсыз сүрөттөрдү көрө баштады.
Түнкү бирден өткөндө апасына телефон чалды. Анын бул кылыгы обу жок иш болду. Эмне болду кызым? Тынччылыкпы деги? Эмне беймаал убакта телефон чалдың?,- деди апасы уйкусурап каргылданган үн менен. Асылкан апасынын үнүн укканда эреркеп уңулдап ыйлап кирди.
-Эмне болду, жашырбай айт кызым, сени ыйлаткандар менен өлбөгөн жерде калышам, тартынбай айта бер, деп апасы жаткан жеринен секирип турду.
Асылкан ан сыйын басылбай ыйлады. Сонунбүнүн эт жүрөгү эзилип Асылкандан дагы сурады. “Ай, алтын кызым, айт эмне болду”,- деп Сонунбү безилдей берди.
-Мени оскорбить этишти.
-Ой кокуй ал эмне кылганы?
Аңгыча атасы Кадыр ойгонуп “Эмне эле кокуйлап жатасың”,- деп аялына кайрылды.
-Кызыңды кудаларың “оскорбить” этип жатыптыр.
-“Оскорбить” эткени кандай?
-Кыргызча айтканда кордоп жатыптыр. Тур, кызың барган жеринде кордолуп жатса сен кантип тынч уктайсың, машинаны жүргүз. Туугандарыңды ойгот. Чоң жүк машина тап. Кызымды көрүнгөнгө кордотпой бардык буюмдарын калтырбай алып баса беребиз. Кордогондор бардык сарп кылган байлыгынан ажырап сызга отуруп калышсын өлүгүңдү көрөйүндөр.
Ошентип, Асылкандын ата-энеси түн жарымынан кийин чаң-тополоңго түшүп калышты. Кадыр туугандарынын үйүнө барып аларды ойготту. Аларга да болгон ишти айтышты. Жүк машина жалдашты. Таңкы саат төрттөр чамасында эки жеңил машинада, бир жүк машинасы менен Асандын үйүнө бир короо топ адам чабуулга кирген душмандай кирип келишти. Үй ээлери тынч уктап жаткан эле. Чоң дарбазаны такылдатып ызылдап топ адам кыйкыра башташканда апасынын үнүн таанып Асылкан жүгүрүп барып ача салды. Асылканды апасы өпкүлөп жиберди. Анан аны таштай салып: “Менин айдай кызымды эмнеге кордойсуңар, өлүгүңдү көрөйүндөр!”,- деп оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып чаңырып, кыйкырып жатты. Кайната, кайнене жана Асан көргөн көзүнө ишенбей аң-таң калып карап турушту. Акыры кудаларын таанып кайната, кайнене “Эмне болду?”,- деп таң кала сураштырып жатышты. Аларга келген куда тарап баскынчыдай туюлду. “Эмне үчүн биздин кызды кордойсуңар?”,- деген сөздөр көп кайталанып кеп-сөзгө келишпей бүт берген себин жүк машинага жүктөй баштады. Үй ээсинин эстери ооду. Эмне болду деп алар келген кудалардан кайра-кайра сурай беришти. Акыры Асан ата-энесине “Тим койгула, бул келиниңер силерге келин болбойт”,- деп түшүндүрдү. Анан: “Бул баскынчылар билген богун жешсин”,- деп кошумчалады ал. Бир саатка калбай келинди эч нерсесин калтырбай алып кетишти. Бир айча өткөндөн кийин Асылкан Асанга телефон чалды. Телефон угуп “Эмне болду?” -деди Асан.
-Экөөбүз кайрадан бирге жашайлы, картошка терүүгө макулмун.
-Жок, телефонуңду чукулай бер,- деди Асан.
Асылкан үч жылча телефон чалып жүрдү Асанга.
Ар дайым:
-Бирге жашайлы, бардык иштериңе катышам,- дейт.
-Телефонуңду чукулай бер,- деп коёт Асан.
Үч жылдан кийин биротоло түңүлдү окшойт, Асылкан Асанга телефон чалбай калды.
30-декабрь, 2016-жыл.
Мундуз айылы