Азыркы кыргыз аңгемесинин горизонту
Аңгеме… Ал азыркы учурда кандай саптар, жөрөлгөлөр менен баюуда? Кандай жетектөөчү, негизги тенденциялары баамга урунат. Изденүү маанайы кандай?
Сөз учугун улоодон мурун жанрдын табиятына токтолуу зарыл. Анткени, жалпы эле аңгеме жанры жөнүндө сөз козгогондо жанрдын спецификалык өзгөчөлүгүнө токтолуп кетүү максатка ылайыктуу. Себеби, бу категория аңгеменин жандуу адабий процесстеги алган орду, бүгүнкү күнкү ал-абалы, келечек перспективасы, негизги тенденциялары, көркөм өзгөчөлүктөрү менен терең шартталышып турган кубулуш.
Ошентип, аңгеме традициялык түшүнүк боюнча прозанын чакан түрү. Арийне, мындай жеке касиети анын көркөм табиятын толук, чар тараптуу ачып бере албасы айкын. Анын үстүнө жанр канон эмес – ал мобилдүү өнүгүү – өзгөрүүнү башынан кечирип, ар дайым диалектикалык кыймылда болуп турган категория экендиги менен ушундай. Себеби, икусствонун өзү эле изденүү жолунда, жаңы форманы жасоо түйшүгүндө болоору эчактан маалим. Ушундан улам кээ бир учурларда жанрдын чектерин так ажыратуу өтө эле кыйын. Бул жагдайда белгилүү жазуучу Ю.Нагибин “жанр шарттуу түшүнүк” десе, сынчы Э.Шубин “жанр көбүнчө теориялык эмес, практикалык маселе экендигин тана албайбыз” деп жазат. Демек, жанрдын чектерин чындап эле аныктоого мүмкүн эмеспи? Же анда стабилдүү касиеттер такыр эле жокпу? Ырас, жанр бир далай адабий көрүнүш болсо дагы ал сөзсүз өздүк туруктуу белгилери бар тарыхый категория экендиги ачык. Белгилүү адабиятчы М.Бахтиндин сөзү менен айтканда “жанр всегда и тот, и не тот, всегда и стар и нов одновременно. Жанр возрождается и обновлается и в каждом новом этапе развития литературы и в каждом индивидуальном произведении данного жанра. В этом жизнь жанра”.
Демек, мындан көркөм чыгармачылыкта дайыма өзүнчөлүккө умтулуу болуп, “стандарттуулукка” көркөм форманын өзү эле табиятына карама – каршы тураарын көрөбүз. Ошондуктан аңгеменин структурасындагы мүнөздүү белгилер болсо аны универсалдуу же тескерисинче туруктуу кубулуш катары кабыл алышыбыз шарт. Неге дегенде “жанрдын кыймылы жалаң гана адабий- эстетикалык ички өнүгүү законуна баш ийбестен, коомдук мамилелердин таасиринде да” болуп турат.
Аңгеме романга, драмага, атүгүл повестке, поэмага караганда мезгилдин кадамы менен тең жүрүп, анын “формасы” катары көрүнө алган жанрлардан. Ал – оперативдүү жанр.
Деги аңгеменин чакандыгы эле анын турмуш жаңылыгы менен төп келишип, турмуш динамикасы аңгеменин так ушу формада болушун кандайдыр даражада талап кылып да тургансыйт. Аңгеме турмуш мазмунун бүгүнкү күндүн талабына ылайык көркөм-эстетикалык жалпылоого өткөрө алат, ага өз алдынча баа бере алат десек ашыкча болбос.
Аңгеме жалаң гана өзүнүн чакандыгы менен роман, повесть сыяктуу эпикалык формалардан айырмаланбастан, турмуш фактыларын өз алдынча изилдей алышы менен дагы өзгөчөлөнүп турган көркөм “түр”. Жазуучу С.Антоновдун айтуусу боюнча аңгемечи “мезгилдин бир үзүмүндө эле окурманды ынандыра ала турган даражада боло алат”. Акыйкатта, аңгеменин табиятын, спецификалык бөтөнчөлүгүн бир далай даражада чагылдырып бере ала турган образдуу салыштырууну колдонсок: ал – “күндүн бүтүндөй турпатын өзүндө чагылдыра турган туптунук бир тамчы” (М.Горкий). Баса, бул жерде аңгеменин кадыр-баркын атайы көтөрмөлөйлү деген ниеттен очкунбуз. Тек, анын спецификалык мүмкүнчүлүгүн, жигерин белгилеп кетүүнү көздөп отурабыз. Ырас, адабий фактыда бүтүндөй бир өмүр аӊгеменин предмети болсо, көз ачып жумганчалык нерсе романдын объектиси болуп калган учур дүйнөлүк адабиятта көп эле кездешет. Демек, чектелген турмуш материалы гана аӊгеменин энчиси боло алат деген пикирдин көп жагынан натура экендиги айкын. Сөз бул жерде ар бир жанрдын ички сыйымдуулугу – турмуш материалын канчалык даражада көркөм жалпылоого өткөрө алгандыгы жөнүндө жүрүшү зарыл. Ошондуктан аӊгеме, повесть, романды жанрдык өзгөчөлүгү боюнча биринен бирин көтөрмөлөп коюуга болбойт. Андан көрө өз ара бекем байланышы, бир- бирине тийгизген таасири жөнүндө сөз кылуу натыйжалуу. Ошондуктан “аӊгеме анча чоӊ эмес чыгарма, адам турмушунун өз алдынча бүткөн бир окуясына арналат деген аныктама өтө эле жалпы түшүнүк болуп калат”.
Азыр чакан жанрдын азыркы ал – абалы, көркөм процесстеги орду жөнүндө өтө эле карама – каршы пикирлер байкалат. Мында ал учурдун эӊ байыркы адабий формасы катарында көрсөтүлүп, турмуш ритмин таамай сезген, мезгилдин тез кыймылы менен үзөңгүлөш жүргөн оперативдүүлүк, жигердүүлүк сыяктуу сапаттары менен түшүндүрүлсө, экинчи жактан “чоӊ прозада өзүн жоготуп жибергендиги” айтылып, социалдык – нравалык проблемаларды изилдөө мүмкүнчүлүгү чектелгендиги көрсөтүлөт. Биздин бул жерде айтаарыбыз: азыркы учурда аӊгеме үчүн турмуштун мазмундуу жактарын чагылдырып, жанрдык спецификасына ылайык көркөм изилдөөгө алуу мүнөздүү экендиги.
Азыр аӊгеме жанрлык жагынан да байыгандыгын байкоого болот. Аӊгеме – миниатюра, аӊгеме – зарисовка, психологиялык этюддан баштап аӊгеме – ой толгоого чейинки түрлөрүн табуу кыйын эмес. Буга жараша алардын изилдөө объектиси, көркөм мазмунунун да ар түрдүү экендиги өзүнөн өзү белгилүү. Кээде лирикалык проза башкача айтканда, чындыкты лирика аркылуу таануу, түшүнүү, ачууга негизделген аӊгемелерди, адамдын эмоциялык абалын анализдөөгө баш бурган көркөм туундуларын жолуктурабыз. Айрым учурларда турмуш – тиричилик жагына, көзгө анча идирек боло бербеген деталдарга, сырт жагынан анча урунтуктуу боло албаган адам мүнөзүнө предметтик мамиле жасаган аӊгемелерди баамдайбыз. Бирок кантсе да азыркы новелистикада типтүү кубулуш: адамдын духовный дүйнөсү, нравалык омогу өӊдүү маӊыздуу маселелерге жүз багып изилдөө үстүндө экенин көрсөтүү керек. Аларда көбүнесе каармандардын тили же бул жагдайдагы жорук – жосуну, кыймыл – аракети гана эмес, турмуштун чордондуу проблемасы – адамдын нравалык – эстетикалык калыптанышын чагылдырууга болгон аракет көбүрөөк.
Белгилеп кетүүчү бир факты адамдын дал ушу этикалык изилденүүсүн иликтөөгө, социалдык – нравалык проблеманы көркөм чагылдырууга болгон ыкыбалга жаш прозаиктердин тобу кошулгандыгы. Албетте, бул жерде алардын чыгармачылык такшалышы үчүн позитивдүү ролду улуу муундар тарабынан түзөлгөн эстетикалык казына ойногондугу айгине.
Жаш новеллисттерибиз адабиятка мезгил талабына жараша өзүлөрүнүн проблематикасы, темалары, түрдүү каармандары менен кирип жатышат. Өзүлөрүнүн каармандары деген учурда биз көбүнчө алар каармандар менен жаш жагынан, турмуштук тажрыйбасы жагынан теӊ курак бир – муундун өкүлдөрү экендигин көӊүлүбүзгө тутуп жатабыз. Жаштык – жаштар чыгармасында омоктуу көрүнүшү бекер эмес. Анткени, жаштык – келечек. Жаштык, Добролюбовдун сөзү менен айтканда, “эӊ кызыктуу, эӊ татаал маанилүү учур, өзгөчө бул курак социалдык ориентация жасоо, келечекке жол – жобо алуу мезгили.
Азыркы новеллистикада дүйнөгө бир бүтүн көркөм мамиле жасоо, турмушка болгон көз караштын бүтүндүгүнө умтулуу ыкыбалы негизги орунда турат десек жаӊылышпайбыз. Бул сөзсүз новеллистиканын ички структуралык өнүгүшүнө таасир тийгизбей койбосу анык. Мисалы, ар бир адабий форманын проблематикалык сферасынын байышы анын өзүнүн жанрлык чектеринин кеӊейишине, көркөм мүмкүнчүлүгүнүн өсүшүнө алып келээри эчактан айкын. Буга бир жагынан ИТРдин жашоого алып келген динамикалуулугу көптөгөн турмуш проблемаларын жаратып, анын адабиятта чагылдырылып берилиши талап кылынып жаткандыгы да жанрга таасир берери андан беш бетер кашкайган чындык.
Ошентип, кыргыз аӊгемеси учурубуздун азыркы этабында стилдик болсун, тематикалык жана идеялык – мазмундук жагынан болсун көп түрдүү бай жанр болуп калды.
Ал эми, азыркы аӊгеме жанрынын картасына келгендечи? Айтарыбыз аӊгеменин “географиясынын” бир далай кеӊигендигин, социалдык проблемалардын, адам жөнүндөгү жаӊы көркөм ой – жоруулардын пайда болгондугун көрүүгө болот. Азыркы новеллистикада эки касиет, мезгилдин духуна карата жооп болуп турат десек аша чапкандык эмес. Биринчиси, жогоруда көрсөткөндөй кыска баяндоо формасынын чапчаӊ кыймылдуулугу, турмуштун кадамы менен кошо адымдай алган оперативдүүлүгү, экинчиси, конкреттүү чакан турмуш жагдайында адам дүйнөсүн тереӊдеп иликтөөгө кудуреттүүлүгү. Биринчи касиети турмушту биринчи ачуу (башка прозалык жанрларга караганда) мүмкүнчүлүгүн өздөштүрүүгө демөөр болсо, экинчи касиети “адам жөнүндө илимдин” (бул терминдин алдында адатта роман түшүнүлөт) жанрлары менен жакындатат.
Жалпы эле кыргыз совет адабиятында – көркөм изилдөөдө азыр көзгө даана баамдалган интенсивдүү бир процесс жүрүп жаткандыгы байкалат. Ал процесс көп жактуу, көп кырдуу татаал кубулуш – прозадагы этико – нравалык тенденция деген ат менен атоого болот. Анын жаштар новеллистикасында иштелиш жагдайы да кыйла кыйма – чыйме көп жактуу мүнөздө көрүнүп жатат. Бул көркөм кубулуштун татаалдыгы бир жагынан анын этикалык проблемаларынын актуалдуу коюлушунда, ошону менен бирге нравалык проблемаларды көркөм жалпылоо талабында адам мамилесинин, аракет – умтулууларын түрдүү кырдаалын көркөм сыдыргыдан өткөрүүдө турары анык. Кезегинде, адабий процесстин мындай жолу көп сандаган новеллисттердин тобун өзүнө тартпай койбостугу да белгилүү.
Этикалык тенденциянын тереӊделиши, согуш темасынын нравалык аспектиси К.Жусуповдун “Эне кудурети” аттуу аӊгемесинде өз алдынча изилденүүгө ээ боло алган. Чыгарманын идеялык – тематикалык мазмунун аныктоочу фактор катары нравалык изденүү кызмат өтөгөн. Тагыраак айтканда, аӊгемеде каармандардын согушка катышышы эмес, согуш алардын жан дүйнөсүнө катышышы изилдөөгө алынат. Ириде чыгарманын фабулалык өзөгүнө көз салып көрөлүчү. Адеп согуш башталганда Батма айылга кат – кабар ташуу милдетин мойнуна көтөргөн. Аӊгемеде турмуш калыптанган нукта жүрүп жатканын баамдайбыз. Арийне, ушул кадыресе турмуш агымында башкы каарман Батманын жан дүйнөсү кагылыштарга түшө баштайт. Ал бара – бара коркунучтун, сүйүнүчтүн, фронттон күдөр үзбөй күтүүнүн, – энелик үмүттүн эмне экендигин түшүнө баштады. Алакандай кат – кабарды каниет туткан, сагынычка толгон энелердин, зайыптардын жашык дүйнөсүнө далай жолу күбө болду. Бул учурунда анын турмушундагы, жашоосундагы кайгы кубанычын, нравалык дарегин айкындоого өбөлгө болот. Күндөрдүн биринде суук кабар… болгондо да өзүн “ак жолтой” деп атоочу сырдашы Сонунбүбүнүн ысымына келген кара кагаз.
Түзүлгөн ситуация Батманын ички дүйнөсүнө бүлүк түшүрүп, кыйын шарт алдына туурасынан коюп коет. Биздин оюбузча так ушул кырдаалдын өзү аӊгеменин маанилүү өзөгү. Аӊгеме психологиялык атмосфера чыӊалтылган абалында берилген. Ошентип Батманын кара кагазды айылга алып бара жаткандагы жан дүйнөсүндөгү кагылыштар: “Кайда баратамын?.. – кыштактын карааны көрүнө калганда Батма селтеӊ эте, – Жинди болуп калганмын го? – Кайдан жайдандыр чуулдаган үндөр чыгып, Батманын кулагына миӊ түркүн болуп угулуп кирет. Кемпир жакшы эле чуулдактарга моюн бербей, өжөрлөнүп коргонот. “Мен кагазды эле алган жазыгымбы?.. Айланайындар, менде күнөө жок го”. Мунун өзү күрөш. Батманын дүйнөгө болгон реалдуу көз карашы менен энелик сезиминин бир кара кагаздын үстүндө ит жыгылыш күрөшү. Өзү менен өзүнүн күрөшү. Күрөштө акыры эненин жашык дүйнөсүн согуштун саксайган коркунучу жеӊип кетет. “Батма качып бара жатты. Курган эне качып бара жатты. Батма ак тамга кандай жетип барганын сезген жок… аттын дүбүртүн уккан почточу келин чуркап чыкты.
– Ме дейм… – Батма жанагы согуш комиссариатынан келген кагазды келинди көздөй ыргытты. Кээде жагымдуу, кээде жагымсыз… деле адам баласындагы күйүттү муӊкантып, козгоп (!?) айтып жаткан үн чыкты – мен мунуӊузду бере албайм кереги жок мага, Сонунбүбүгө. Кайра жиберип ийчи ушуну, балам… деле өрттөп жиберчи… айланайы – ын… Эпизоддон биз ички курч бурулушту, психологиялык драматизм абалын көрө алабыз. Батманын психологиялык айкын портретин байкай алабыз. Бирок, каармандын ички дүйнөсүндөгү кыймылдаткыч рычагы эмне, анын мүнөзүндөгү карама – каршы контрастар кайдан келген мына ушуга жооп беришибиз зарыл. Ал – адамдын согушка каршы сырткы эмес, ички, духовно – нравалык каргыш жасашы. Арийне, аӊгемеде импульсивдүү ички психологизм көбүрөөк орун алгандыгын көрүү кыйын эмес. Мындан биз аӊгемеде ички психологиялык кыймыл логикасыз деген ойду айткыбыз келбейт, тескерисинче, ички кыймылдын фабулалык негизде өтө эле табигый өнүгүшүнө ээ болгонуна күбө болобуз. Кыябы келе калганда айта кетели, согуш темасы 40-50 жылдарда массалык көрүнүштөрдү – элдин жалпы каармандыгын чагылдырууга басым койсо, азыркы адабиятыбыз личносттук башталышка, башкача айтканда, жандуу индивиддин ички дүйнөсүн иликтөөгө баш бурганын көбүрөөк баамдайбыз. Согуштун массалык сценасына караганда каармандардын ошол баталиядагы иймандык проблемаларын сүрөттөө басымдуу көрүнө баштады десек аша чапкандык болбос. Мына ошондуктан адамга – анын личносттук башталышына кызыгуу адабий процесстин ар бир жаӊы этабына уламдан – улам артып бара жатканы көз көрүнөө айкын. Биз сөз кылып жаткан “Эне кудурети” аӊгемесинде да так ушул маселе борбордук орундарда турат. Тагыраак айтканда согуштун тийгизген кайгы – капасы конкреттүү каармандын (Батма) жан дүйнөсүндө иликтенет. Өзүнүн этикалык тенденциясы жагынан К.Жусуповдун новеллистикасына М.Гапаровдун кай бир аӊгемелери да жакындашып кетет. М.Гапаров жаш адамга жакын жазуучу. Мындай дегенибиздин жөнү адатта анын каармандары жаштар: алардын үмүт – мүдөөсү, каалоосу, талпынышы, кыскасы, адамдын түпкүрүндө жаткан сезимдерине, кайгы – кубанычына сергек мамиле кылып, баамга иле ала турган жагы бар. Анын каармандары көп учурларда поэзияга бай адамдар. Мисалга, “Газала” аӊгемесин алсак болот. Чыгарма айыпсыз сүйүү, ордунан чыкпай калган махабат жөнүндө. Жөнөкөй гана сүйүү тарыхы. Асыресе, мунун артында чоӊ турмуш, чоӊ дүйнө жаткандыгын көрөбүз. Турмуш аӊгемеде кокустук жактары менен көрүнбөсүн чыныгы татаал дүйнө экенине ишенебиз. Андан өзүнчө жеке турган фактыдан, жеке ситуациядан, кокустук көрүнүштөрдөн турган окуянын системасын эмес, көп жактуу татаал байланыштарды көрүүгө болгон умтулуу, аны кеӊири нравалык иликтөөгө болгон аракет бар экенин баамдайбыз. Ошентип, “Газала” аӊгемеси махабаты мезгилсиз жалп этип өчкөн кырчын жаштык жөнүндө. “Ыраматылык Кундуз жеӊем кандай зирек жан эле. Мен анын жаш кеткенине алиге боорум ооруйт. Ойлоп көрсөм, ошондо он жети жашта экен”. Баяндоо тогуз жаштар чамасындагы өспүрүм тарабынан жүргүзүлөт. Баланын тунук, курч дүйнөсү турмуш прозасынын купуя жактарын сезимтал ачып берүүгө жөлөк болгондугун байкоо кыйын эмес. Согуштун катаалдыгынын аӊгемеде баланын айыпсыз таза дүйнөсү аркылуу чыпкаланышы, окурманды да анын көзү менен көрүп, анын лирикалык призмасынан өткөрүшүнө көмөк болот. Чыгарманын фабулалык курулушу ретроспективдүү иретте уюштурулган. Тагыраак айтканда, баяндоонун тизгини өспүрүмдүн колунда болуп, өткөн учур бүгүнкү күндүн даражасынан баалоо маанайында берилген. “Ойлоп көрсөм… Бир жолу мен таенемден уккамын. Ошондо канча жашта болдум экен”. Ушул сыяктуу өткөн чак менен сүрөттөө ыгы аӊгемеге өзгөчө бир ритм түзүп, эске түшүрүү, кайрадан көз алдыда өткөрүү сыяктуу баяндоо маанайын дайындайт. Бул чыгарманы өткөн күндүн эмес, азыркы учурдун критериясынан баамдоону шарттайт. Айтмакчы, аӊгеменин каармандары лирикалуу кыялкеч, назик адамдар. “А газала көрүнбөйт. Сайрап жатат көрүнбөйт. Бардык нерсени унутуп, асманга телмире карап, канчалык убакытты өткөргөнүмдү билбейм. Бир оокумда аттардын бирөө жылаӊайлак бутумду сыйра басып, өзүмдү жыга түртүп кетти. Дароо эсиме келип тизгинге асылдым”. Сырткы дүйнө аӊгеменин каарманы үчүн катаал реалдуу дүйнө эмес, поэтикалуу дүйнө катары сезим калтырат. Аӊгеменин борборундагы газала жөн гана көркөм предметтик каражат эмес. Кундуз менен өспүрүмдүн үмүтү, тилеги, каалоосунун күбөсү катары эстетикалык омоктуу кызмат экен. Газала – символ. Баса, көпчүлүк аӊгемелерибизде ушундай предметтик кубулуштарды жанрдын сюжеттик негизги компоненти катары көркөм форма өбөлгөсү кылып алуу ыкыбалын байкабай коюп жүрөбүз. Б.Сексенбаевдин “Алтын саат” аӊгемесиндеги – саат, Ж.Алыкуловдун “Жаргылчагындагы” – жаргылчак, К.Өмүркуловдун “Көк каргалар” аӊгемесиндеги – жарча жана башка толуп жаткан мисалдарды көргөзүүгө болот. Мындай форманын жакшы жагы чыгармага органикалык түрдө киргизилип, сыйымдуу идеялык – эстетикалык жүк көтөрө алгандыгы. Аӊгеменин дагы бир жанрдык – спецификалык өзгөчөлүгү, ага ар бир компонент өзүнчө кызмат өтөөрү, кымындай байкабастык, баамсыздык тез эле оркоюп көрүнүп калары. Анткени анын чакандыгы, фабулалык динамикалуулугу андагы ар бир деталга кылдат мамиле кылууну талап кылат. А түгүл, жазуучу С.Антонов жакшы табылган көркөм бир гана деталь менен бүтүндөй бир повесттин жаралышы мүмкүн экендигин айтып, кадыресе далилдеп кеткен жери бар экендигин эске салып кетсек ашыктык болбос. Анын сөзү менен айтканда: “деталь бүтүндүктүн жөн гана бөлүктөрү, бурмалары эмес, бүтүндүн келбетин түзө ала турган гармониялык компоненти”. Деталдык тактык, чеберчиликти биз “Газаладан” да жолуктурдук. “Ал менин колумдагы чаканы эки колдоп алып, тик турган калыбында, суунун бетиндеги чөп – чарды, чегирткенин буттарын чаканын бир четине карай үйлөй баштады. Мен болсо, анын кандай ой менен бул тилкеге түшүп калганын биле албай, акырын айланамды карап, баягыда аттарыбыз үрккөн жерди издей баштадым. Болжол менен аны таптым. Биз турган жер экен. Мен Жакып акемди карадым. Карадым да, анын эринине апарган сууну ичпестен, чаканын четинен уурданып, мени карап турганын көрүп, кетенчиктей түштүм. – Ушул жерби, – деди ал акырын, биз турган жерге баш ийкеп. Мен көпкө жалдырап турдум да болоор – болбос башымды ийкедим. Жакып акемдин колундагы чака уламдан – улам ылдыйлай баштады. Анан таптакыр колунан түшүп кетип, суу төгүлүп жатып калды. (33-б.) Бул бөлүкчөдөн сүйгөн жары “кайып болгон” жерге кайрылып келип бүткүл чындыкты трагедиянын жалгыз күбөсү өспүрүмдүн өз оозунан угуп жаткан Жакыптын абалы тууралуу жазылган эпизодду көрүп жатабыз. Мында каармандын сырткы ал – абалы тартылып жатса да кайгы, сагынуу, күтүүнүн армандуу аяктагандыгы сыяктуу сезимдин сыртка таамай чагылышы бар экендигин байкоого болот. Аялын угузганда да көзүнө жаш албаган Жакыптын түпкүрүндө чөгүп жаткан көкөй кескен кайгысы газаланын сайрап жибериш фонунда шарт этип өзүнүн тосмосун бузуп өткөнүн көрүп жатабыз. Эпизод таамай, гармониялуу жазылган. Жада калса Жакыптын “суу бетиндеги чөпчар, чегирткенин буттарын чаканын бир четине үйлөй башташы” саратан алтын күз, көктөмдөгү торгой (газала), аптап, чаңкоо жана башкалар жөнүндөгү биздин ассоциябызды чакырат. Кадимкидей көз алдыбызга да элестете алабыз.
Азыркы кыргыз новеллистикасында өзүнүн тематикалык иштелиши жагынан гана эмес проблематикалык дүрмөтү менен кийинки жылдарда батыл көрүнүп жаткан тенденциянын катарына: адам жана жаратылыштын ортосундагы карым – катнаштар өӊдүү актуал маселелерди кошууга болот. Биз бул жерде ал өз алдынча адабий – тематикалык нук экендигин танбастан туруп, ал адабиятыбыздагы этикалык тенденциянын экинчи бир учугу экендигин белгилеп кетишибиз зарыл. Адам менен жаратылыштын өз ара карым – катнашы, өзгөчө, биринчисинин экинчисине болгон мамилеси эчактан бери эле жалпы адамзаттын кызыгуусун туудуруп келе жаткан проблемалардан экендиги маалим. Ал эми анын азыркы шарттагы (ИТРдин шартында) көкөй – кестилиги андан бетер арткандыгына шек жок. Мындай кырдаал сөзсүз көркөм адабияттын, анын ичинде аӊгеме жанрынын кызыгуусун туудуруп, чордондуу проблемалардан болуп калаары өзүнөн өзү айкын. Биздин баамыбызда аӊгеме жанрында бул тематикалык тенденциянын өз ордун жигердүү таба башташы 60 – жылдарда башталып, айрыкча Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестинен кийин орчун мүнөз алып калгандыгын көрөбүз. Адам жана жаратылыш. Адамдын жаратылыштагы орду, ага жасаган мамилеси. Бир караганда адабиятта проблеманын иштелиши ушул гана чектерде болуп жаткандай сезилиши мүмкүн. Чынында жаратылыш адамды курчап турган жөн гана биосфера эмес, ал биринчи кезекте анын нравалык касиети, анын өзү (ноосферасы) экендиги, тагыраак айтканда адам жаратылыштан бөлүнүп калбасын эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Ошентип адабиятта ал жаратылыштын бир бөлүкчөсү, аны башкарып турган, ошол эле мезгилде аны бапестеп ала турган социалдык активдүү адам катары көрүнүшү ажеп.
Ж.Мамбеталиевдин “Карагайчынын уулу” аӊгемеси жогорку темага түздөн түз багышталган маанайда жазылган чыгармалардын катарына кирет. Анын башкы каарманы жаратылыштын чыныгы баасын түшүнгөн, анын ысык – суугун башынан кечирген тажрыйбалуу чоӊ киши эмес, бала. Болгондо да өтө сезимтал, караны кара, акты ак деп эч бузбай түздөн түз көрө билген курч кабылдоосу бар бала. Көргөнү көргөндөй табигый. Тегерегиндегилерден ал өзүн бөлүп жарбайт, айлана чөйрөсү менен кандайдыр биригишип кеткендей. (Баса, бул жерде белгилеп кетер нерсе чыгарманын каарманы “Ак кемедеги” бала менен окшоштугу бар экендиги). Бала өтө баамчыл. Өзүнүн жасап алган ат кулак үйү, “Күмүш жон”, “Кылмурут” аттуу балыктары бар. Ал айлана – чөйрөдөгү кубулуштарды таамай байкай алат. Ал алардын стихиясына чын – дили менен батып да кеткен. Бирок, каармандын аракет кыймылынын мотивровкаланышынын табигыйлыгы жетишпей тургансыйт. Экинчиден айлана – чөйрөгө жасаган мамилеси үстүртөн алынганы байкалат. Анын үстүнө аӊгеменин акыры ыксыз кескин бүтүрүлгөндөй сезим калтырат. Логикалык аякталышынан өксүп, схематизмдин зардеби байкалбай койбойт. Чыгарманын курулушу жөнүндө сөз козгоп калгандан кийин аӊгеменин архитектоникалык структурасы жөнүндө айтып кетишибиз ылайыктуу. Аӊгеме чакан. Ошентсе да андагы бүтүндүк, аяктагандык сезилбейт. Өтө эле чачкын курулгандай. Ал эми, “көп учурда чыгарманын тагдыры анын бүтүндүгүнө байланыштуу болот” эмеспи. Айрыкча аӊгеменин экспозициясы өтө чоюлуп кеткенсийт.
Новеллистикада дагы бир борбордук темалардан болуп жаш адамдын торолуу учурун сүрөттөө эсептелет. Анын мындай болушу да бекер жеринен эмес. Себеби жетилүү курак турмушта өз ордун издөө, нравалык туура багытты тандоо жолунун тогуз тоомунда турат. Бул курак бир жагынан романтикага бай мезгил болсо, бир жагынан келечекти аныктай турган учур. Ошондуктан “боз улан учурдун” этикалык – нравалык жагына чоӊ жүк коюлуп сүрөттөөлөрү анык. Өзгөчөлүгү бул тематиканын жаш новелистикабызда көбүрөөк мүнөздүү экендигинде. Мисалы, Казат Акматовдун “Ант” аӊгемесин алып көрөлү. Анын каарманы Суран – чоӊ турмуштун ар кандай кырдаалында өз алдынча туура жол табууга аракет кылган боз улан. Жазуучуну да ушул жаш адамдын нравалык сапатынын өнүгүү жагдайы кызыктырат. Чыгармада Сурандын кантип жана кандайча нравалык, рухий жагынан тороло баштагандыгы көз алдыдан өткөрүлөт. Аӊгемеде каарман атайы жасаган курч кырдаалдарда эмес, солдаттык күндөлүк турмуш шартында гана сүрөттөлөт. Бирок, жазуучунун аӊгемесинде турмуштун чыныгы мазмунун түшүнүүгө болгон аракетин көрбөй койбойбуз.
Мындай жаштыктын жан дүйнөсүн ачууга, анын нравалык – этикалык айкын таянычка ээ болуу үчүн умтулуусун сүрөттөө М.Гапаровдун чыгармаларынын дээрлик көбүнө мүнөздүү экендигин байкоого болот. М.Гапаровдун бир аӊгемесинде (“Турналар жазда келишет”) жаш адамдын мүдөө – мураты алынат. Аӊгеме турмуштук кокустук жактарындагы психологиялык мотивировкаланбаган окуялардын тизмегине тургансыйт. Арийне, анын психологиялык мотиви аӊгеменин өзүнүн эле контекстинде экенин көрөбүз. Каармандын да жан дүйнөсүндөгү кубулуштардын себептерин таба алабыз. Аӊгеменин сырткы окулушу анча кызыгууну туудура албайт. Арийне, биз Азиздин (башкы каарман) ички дүйнөсүнө тереӊдеп көз салып көрүп үмүткө, лирикага, кыялга бай адамды көрөбүз. Чыгарманын ийгилиги да ошол каармандын жан дүйнөсү ичкериден, карама – каршылыктары менен тартылгандыгында жатат. Каармандын ички дүйнөсүнүн кыймылы сырткы аракет – жоругуна түрткү боло ала тургандай күчкө ээ экендигинде жатат. Ошондуктан чыгарма сырткы фабулага эмес каармандын ички дүйнөсүнүн өнүгүш кыймылына негизделген. Сырткы фабула көбүнчө шарттуу түрдө алынып, каармандардын өз ара мамилелеринде гана көрүнөт. Ошондуктан баяндоо ретроспективдүү ассоциация тибинде жазылган.
“ – Кел бардыгын эске түшүрөбүз… анда мен өзүнчө жол салып алгам. Сен билип эле жүрдүӊ”. Мындагы эске салуу формасы окуянын ордуна сезимдин биринчи планга чыгышына мүмкүнчүлүк түзүп каармандардын кыял, каалоо, мүдөө, үмүт, кыскасы сезимдик кабылдоолору жөнүндө сөз кылууга өбөлгө болгон. Бул болсо кезегинде аӊгемедеги лирикалык жышаананын түптөлүшүнө жол берген. Аӊгеме лирикалуу.
Баса, лирика кийинки жылдардагы прозанын тканына уламдан тереӊдеп кирип жаткандыгын баамдоого болот. Бул өз учурунда каармандардын ички ар түрдүү абалын гана көрсөтпөстөн, талап, умтулууларын сүрөттөөгө да шарт түзөт. Лиризм прозада каармандын өзүн – өзү билүүсүнө жана ички сезим менен сырткы дүйнөнү бир бүтүн биримдиктен кароосуна мүмкүндүк берет. Лиризм бир жагынан сыр жашырбастыкка, автордун окурманга болгон ишенимине да өбөлгө. Лирикалык кабылдоо каармандын сезимине тереӊдеп, анын жан дүйнөсүнүн ар түрдүү абалын таамай көрүүгө жардам бере алат. Лирикалуулуктун биринчи жактан сүрөттөлүшү шарт. Бирок, баяндоонун объективдүү тибине, башкача айтканда, автордун образы катышпай эле сүрөттөөнүн аркасында ишке ашышы да мүмкүн. Мисалга ушул эле автордун “Күнөстүү арал” аӊгемеси айгине далил. Эми биринчи жактан жазылып, автордун өз чыгармаларынын каарманы даражасында болуп калган учурга токтолуп кетели. Мындай “таза” түрүндөгү чыгармаларга К.Жусуповдун “Жүрөгүм менин тоолордо” аӊгемеси кирет. Аӊгемеде автор менен анын каарманы бири – бирине биригип кеткендей. Тагыраак айтканда, аӊгеме автор – каармандын лирикалык эмоциясы, сезими каармандын сырткы дүйнөнү лирикалык кабылдашы чыгарманын структурасын түзөт. Андан атайы фабулалык түзүлүштү табуу кыйын. Арийне, аны өзүнчө бүткөн чыгарма деп айта алабыз. Неге дегенде композициялык бир бүтүндүк бар. Аӊгемеден традициялык чиеленүү, түйүн (кульминация) чечилүү элементтерин жолуктура албайбыз. Себеби аӊгеме сезим, эмоция түйүндөрүнөн турат да, көркөм реалдуу сезим кыймылына негизделген.
Лирикалык прозанын мүнөздүү тиби акыркы жылдарда жаралып жаткан сценкага, портрет, этюд сыяктуу жанрлар болуп калган сыяктуу. Мындай “микрожанрларга” лириканын кирип жатышы биздин баамыбызда кайгы – кубаныч сыяктуу эмоционалдык сезимдердин мезгилдик чектелгендиги, башкача айтканда көз ачып жумганчалыгынан улам болуп жаткандай. Себеби, лирикалык прозада чын чынына келгенде индивиддин өзүн жана ал аркылуу эмнени көргөзүү керек деген максат бар.
Эми сөзүбүздүн акырында прозадагы лириканын жанданышына ылайыктуу жагдай болуп берген көрүнүш адабиятыбызда гуманисттик тенденциянын күч алышынан, борбордук көӊүл адамдардын личносттук – индивидуалдык табиятына, нравалык угутуна жана алардын ички биримдиктеринин сүрөттөлүшүнө бурулгандыгы менен түшүндүрүлөт.
Кыргыз адабиятында сезим диалектикасын изилдөө азыркы учурда адабиятыбыздын алдыңкы планында. Азыр индивидуалдуу турмуш, жеке тагдыр адабияттын чар тараптуу изилдөөсүнө түшө баштады. Буларда жеке кубулуштар менен турмуштун жалпы картинасы бири – биринен ажыратылбай кароо аракети бар.
Кийинки мезгилдерде адаттагы “кызыктуу окуялардын” ордуна адамдын личносттук турмуштун проблемаларын изилдөөгө бурулуп, андан коомдук мазмунду көрө билүүгө умтулуу бар экенин баса белгилей кетишибиз жөн. Тагыраак айтканда жеке нравалык тажрыйбадан көркөм жалпылоого умтулуу байкала баштады. Демек, аӊгеме жанрдык чектелгендигинен чыгууга умтулуп жаткандыгы байкалат.
Жогоруда сөз кыргыз аӊгемелериндеги кээ бир гана мүнөздүү тенденциялар жөнүндө болду. Ошондуктан ал (кыргыз аӊгемеси) азыркы кыргыз новеллистиканын бай тажрыйбасын бүтүндөй камтый албашы өзүнөн өзү белгилүү. Эми сөз кезеги аӊгеме жанрынын спецификалык табиятынан келип чыккан андагы көркөм мүнөздүн изилдениш жагдайы тууралуу болсун. Аӊгеме жанрынын чордондуу проблемаларынын бири болуп андагы адам мүнөзүнүн өнүгүү, калыптануу принциптери эсептелет. Бул жагынан аӊгеме башка прозалык жанрларга караганда кадыресе айырмачылыктарга ээ. Аӊгеменин баяндоо формасы, турмуш материалынын жана көлөмүнүн чакандык мүнөзү изилдөөнүн спецификалык өзгөчөлүгүн шарттайт десек жаӊылбайбыз. Ошондуктан аӊгемеде көркөм мүнөзгө салмак күчү басымдуу коюлушу анык. Каармандары турмуштун ар түрдүү жагдайларында капысынан курч бурулуштарга туш болгон аӊгемелер көп эле жолугат. Бул көрүнүш аӊгеменин баяндоо нугунун курч бурулуштары менен көп учурларда байланышы деле жок. Анткени көркөм чыгарманын башкы максаты турмуштун закон ченемдерин көрсөтүү болуп эсептелет. Арийне муну аӊгеменин жанрдык өзгөчөлүгүнө ылайык келген табигый көркөм мүмкүнчүлүктөрүнүн бирине киргизээр элек. Себеп дегенде каармандын мүнөзү көп учурда бир гана кырдаалда изилденет эмеспи.
Каармандын жаӊы сапаты, белгилери, мүнөзү жоопкерчиликти, чечимди, тандоону талап кылган кырдаалдарда өзгөчө айкын көрүнүшү мүмкүн. Адам кыйынчылыкта көрүнөт. Ушуга жараша аӊгеме адам мүнөзүнүн көп түрдүү жактарын толук, понорамалуу түрдө чагылдыра албаса да, адамдагы “бурулуштарды” изилдөөгө ылайыктуу форма экендигин тана албайбыз. Ошондуктан көп аӊгемелерде каармандардын капысынан “билиниши” анын сюжеттик өзөгү болуп калган учурлар аз эмес. Көркөм иликтөөлөрдүн өнүгүш процессинде жаралган, бири – бирине окшошо бербеген көптөгөн конфликттер да адам мүнөзүнүн күтүлбөгөн бурулуштарына өбөлгө түзүп турат.
Мүнөздүн калыптанышы албетте, биринчи иретте өзүнүн ички кыймылы аркылуу жүрөт. Андыктан анын бир сызыктуу өнүктүрүлүшү эч качан сапаттык өнүктүрүүгө алып келбеси айкын. Деги жалпы эле социалисттик реализмдин негизги талабынын бири, адамдын бүткүл чындыгы менен, болгон карама – каршылыгында көрсөтүлүшүндө жатат. Анын үстүнө каармандын ички психологиясынын закон ченемдерин изилдөөнү көркөм адабият өзүнүн борбордук милдеттеринен деп эсептейт. Жаштар новеллистикасында да мүнөз проблемасы чордондуу маселелерден болуп саналат. Бирок көп аңгемелерде каармандар статикалуу көрүнүп жаткандыгын байкоого болот. Ырас, аңгемеден романдагыдай көркөм образдын көп жактуу иштелишин талап кылуу аша чапкандык болоору бышык. Ошентсе да адамдын мүнөз кыймылынын турмуштун бир эки жагдайынан реалдуу таразалоо аңгемеге жат эмес. Тилекке каршы жаштар аңгемесинде мүнөздүн өнүгүш процессин ынанымдуу, оригиналдуу чагылдырган чыгармаларды сейрек жолуктуруп жатабыз. Көпчүлүк аңгемелер “даяр” бир орунду таптап калган образдар менен аксайт. Мисалы А.Абакировдун “Жаш толкунун” алалы. Аңгеменин каармандарынын ички “турмушунда” бир да кыбыраган кыймыл сезилбейт. Каарман бизге сырткы чөйрөгө оң же терс эмоциясын билдирген жөнөкөй сырткы аракети менен гана көрүнөт. Анан дагы кызыгы каарман чыгарманын финалында көксөгөн максатына жетип, “жыргап – куунап жатып калганына” таң бересиң. Аңгеменин мындай логикасы окурманды ынандырмак түгүл, тескери реакциясын туудурат. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн зарыл деп эсептеген аргументтерге таянып көрөлү. Чыгарманын башкы каарманы Озойдун кыскача турмуш биографиясы мындай: “Мындан эки жыл мурда, онунчу классты бүтөрү менен колхозго калуу жөнүндө арызын жазып иш менен айланышкан. Ага 73 саан уй берилди. Жай күндөрүндө уйларды талаа шалбааларына айдап чыгат да, кыш күндөрү ушинтип айдоолордон жем – чөп, силос берүү менен алек. Озойдун бир жакшы жери улууларды урматтап жана жумуш маалында баш көтөрбөй далысын күжүңдөтүп иштей берет”. Информациялык кургак саптар. Каармандын кылган ишин санап өтүү гана бар болгону. Ал али каарманды көркөм анализге алуу эмес. Каарман аңгемеде өтө эле пассивдүү. Мүнөзүндөгү өнүгүү – өзгөрүү таптакыр эле жок.
Чыгармада каармандар эч себепсиз, реалдуу турмуш жагдайысыз эле мүнөздөрүндө бурулуш жасалып, мурунку ниеттеринен баш тартып жибермейи бар. Мисалы Темирбектин күндөрдүн биринде эле Озойдун алдында күнөөлүү экендигин моюнуна алып жибериши окурманды ынандырбайт. Аңгемеде көркөм мүнөздүн калыптанышында ички диалектикага, турмуштук коллизияга негизделбегендик ашкере. Демек дайыма эле турмуш чындыгы көркөм чындыкка, чыгармага катышкан адам көркөм жандуу образга айлана бербейт экен. Бул жерде жазуучу Ч.Айтматовдун кызыктуу деп “өзүн жеңе алган каарманды. Өзүн сынай алган, өзүнүн ички кубатын сезе алган” каарманды көрсөтүшүн эске алган жөндүү.
Демек, көркөм мүнөздүн өнүгүшү өзүнүн ички конфликттеринде болору айкын. Анын ачылышы болсо ал жашап, аракет кылган жагдайга да түздөн – түз жана терең байланышта экендиги белгилүү. Арийне кээ бир новеллаларыбызда каарман күндөлүк мүшкүл – убаракерчилигинин сферасынан, утилитардык дүйнөсүнүн планынан гана сүрөттөлүп кыймылсыз калган учурлар кездешет. Буга М.Сейталиевдин “Кайнене” аңгемесин кошсок болот. Чыгармада каармандар турмуш – тиричиликтин тар рамкасынан алынып, материалдык алыш – бериши, кирген – чыкканы, баскан – турганын санап өтүүчүлүккө маталып калгандай.
Аңгемедеги каармандар адамдык бийик сезимдери өп – чап, социалдык пассивдүү, тар утилитардык кызыкчылыкка байланган гана адамдар. Эгерде алардын ички дүйнөсүндө кандайдыр кыймыл байкалса ал дагы материалдык кызыкчылыкка байланыштуу. Сүйлөшкөн сөздөрү, жасаган мамилелери да аягы келип көр оокатка такалат. Кыскасы чыгарма көр тиричилик даражасынан чыга албаган. Албетте мындай чыгармалардагы каармандардын өсүп – өнүгүшүнөн үмүт кылуу кыйын.
Баса, автор аңгемесин экинчи жолу кайрадан иштеп чыгыптыр. Арийне биз чыгарма кайрадан каралып чыгып, мурунку мүчөлөрүнөн арылган экен деген ойду айта албайбыз. Тескерисинче, башкы каармандын (ка йнене)турпатынын көркөм угуту бир далай төмөндөгөн. Этикалык норманын чегинен чыгып кеткен сексуалдык сценалардын кирип кеткендигин байкоого болот.
Аңгеме жөнүндө сөз козгоп жатып андагы көркөм мүнөздүн кокусунан ачылышынын дагы бир өзгөчөлүгүнө токтолуп кетүүгө туура келет. Бул адатта аңгемелердеги калыптанган мүнөздүн турмуш шартына ылайык маңыздуу сапаттарынын өзгөрүүгө учурашы.
Ырас, мүнөздүн өсүшүндө, өнүгүшүндө чар тараптуу сүрөттөө (“шекспризация”) монументалдык жанрларга көбүрөөк мүнөздүү. Ошентсе да аңгеме адам менен аны курчап турган чөйрөнүн көп түрдүү карым – катнашын, адамдын аң – сезиминдеги жаңы этапты, сапаттык жаратылыштарды сүрөттөөгө чама – чаркы жетпейт дегендикке жатпайт. Ырас анын турмуштун бир кырдаалында бир эпизоддо жүрө турган чектелгендиги бар. А бул болсо өз кезегинде аңгемеде мүнөз өнүгүшүнүн сүрөөнүн психологиялык тактыгын талап этет. Арийне, новеллистикабызда (деги жалпы эле прозада) кээ бир жалкоо, кызыл кулак мажирөө, жүүнү бош каармандардын көз ачып жумганча эч жөнсүз эле сопсонун адам болуп чыга келген учурлары көп эле жолугуп калат. Булардын ылдам эле “киши” болуп калышына оң каармандын: “бул туура эмес, бул жакшы, бул жаман, минт – тигинт, адам бол” деген бир ооз гана сөзү жетиштүү болгонун көрүп таң кала да түшөсүң. Буга жогоруда сөз болгон А.Абакировдун “Жаш толкун” аңгемесиндеги Темирбектин 90о бурулуш жасашы айгине далили. Чындыгында мүнөздүн сапаттык өзгөрүүгө кабылышы үчүн аябаган чоң ички тоскоолдукту жеңип өтүшү керек эмеспи.
Акырында айтарыбыз новеллисттерибиздин алдында татаал көркөм проблемалар, милдеттер турат. Анын чечилиши да көп даражада өздөрүнө тиешелүү.
Үсөн Касыбеков