ЖӨРГӨМҮШ-ЭНЕ
(аңгеме)
Кар жатпас кара Кочкордо күздүн жылуу илеби эмнегедир кыш түшкүчө узарды. Ырас, октябрдын ортосунда бир-эки күн орой-борой шамал жүрүп, кыламык кар себелеп өткөн. Бирок эртеси эле асман чайыттай ачылып, күн кайрадан ысык тийе баштаган.
Айыл четинде чала бүткөн эки кабат үй башкалардан жетимсирей обочолонуп турат. Анткени айылдын таш төгүлүп тегизделген даңгыр жолу ага жетпей үзүлөт. Башка үйлөрдүн тегерек-чети тосулуп, короолору корулуу, а бул үйдүн айлана-тегереги аңгырап бош.
Бул үйдүн жападан-жалгыз тургуну – Жөргөмүш-эне. Ийини – бурч менен шыптын кошулган жериндеги ичке жараңка. Жараңканын ары жагында жарым карышчалык коңул бар. Жылт этип жарык, үлп этип жел кирбеген ошо коңул түбүндө эненин ыйык дүнүйөсү – Курт-Теңири ыроологон куттуу уясы, курт тукумун курут кылбай кылымдардын кыйырына улап кете турган отуз-кырктай жумурткасы катылуу.
Уяны ал августтун аягында баштап, сентябрдын ортосунда токуп бүткөн. Сегиз көзүнүн бирин дагы чырм этип койбостон эрмейип отуруп токуду. Эт жүрөгү эжигейдей эзилип, андан чыккан жашыл кан кырк тамырын кыра чуркап желими жок тыбыт өрдү. Сегиз бутунун бирине да тыным бербестен тыкыр отуруп токуду. Сырткы бетин жумуртка жегич кыл курттар теше албас, курч азуусу кесе албас чың өрүлгөн желе менен токуду. Ортосун нурдан ичке була менен олпоктой жумшак токуду. Ошол олпок бетине он ойдолоп түйүлүп отуз-кырктай жумурткасын тууп алган эле. Оо анан алардын ар биринин арасын көзгө илешкис желе менен желимдеп аба жылжып өтөөр кылып шурудай тизип чыккан. Ошондон кийин гана ак олпокту тегеректеп жөрмөп, бир учунан учук чыгарып коңулдун төбөсүнө былк эткизбей бекиткен. Ошентип ал Жараткан Курт-Теңиринин осуятын орундатып бүтүп, эми өзүнүн эң акыркы аруу озуйпасын аткарууга камынган. Анткени күндүн илеби акырындап сууй баштаган эле. Октябрдын орто ченине чукулдап суук түшөрүн болжоп койгон купуя туюмунда. Курт тукуму тоң ургуча коопсуз коңулга кирип кетүүгө тийиш. Ошондо касиети күчтүү Жараткан-Эге жылуу койнуна алат макулугун. Ал болсо сенейип уктап калат анын жылуу койнунда. Эгер өмүр мерчеми аягына чыгып бүтө элек болсо жаз келип күн жылыганда Эгеси ага эсен жанын кайтарып берет, а эгер өмүр мерчеми аягына чыккан болсо, айла жок, ошо бойдон уктап калат ойгонбой. Курт тукумунун маңдайына жазылган жазмыш заңы, тагдыр ташпиши ушундай. Андан эч кимиси эч жакка качып кутула албайт. А Жөргөмүш-эне өмүр мерчеми аяктап баратканын сезчү: сегиз көздүн төртөө мунарыктап көрбөй калды, каруусу кеткен сегиз буту араң зорго шилтенет. Көкүрөк-көөдөнү чылк эзиле майга толгон семиз курсагын көтөрүүгө шаасы келбей, кылдай бели үзүлүп кетчүдөй иймейет тимеле. Октябрдын ортосундагы орошон суук эки-үч күнчө кармалганда ал бечара ороктой оркойгон эки азуусунда калган анча-мынча уусун кулгуп туруп “кулк” эттире жутуп иймек дагы, жумуртка-куурчакчасын кучактаган бойдон түбөлүк уйкуга аттанмак; уу анын ичин жаз келгиче бузулуп кетпес майлуу килкилдекке айлантмак; күндүн илеби көтөрүлгөндө жумурткалар жарылып, куурчакчадан кепкенедей мүшчөлөрү[1] чыга келишмек жыбырап; ачка немелер боорун тытып, курсагын жарып ачышмак жабалактап; килкилдекти килкилдете шимиришип ал-күч топтошмок; анан ар кимиси ар тарапка чардай учуп чачырап кетишмек; ошондо анын жаны жылт эте алты кабат асман үстүнө атып чыкмак да, түбөлүккө жанып турчу жарык жылдызга айланмак…
Бирок, тилекке каршы, күндүн илеби кээ күндөрү 24 градуска чейин көтөрүлүп, жаздагыдай жадырап тийип жатты. Жөргөмүш-эне өмүр сапарын узарткан мындай кубулушту Курт-Теңири марттык менен ыроологон жышаан катары кабыл алып, көнүмүш көр турмушун баштан кечирүүдө: таңкы үрүл-бүрүлдө жылып чыгып, коңул оозундагы желеге конгон кыроодон суусун кандырат; желенин үзүлгөнүн улап, туруп калган чаңды күбүп-силкип чыгат; анан бир учугун бутуна ороп алып култ эте кирип кетет ийинине.
Күндүн илеби кайтканы желеге жем мурдагыдай көп түшпөйт: күндүзү кез-кез кибиреген желимчи-чимек, а түнкүсүн күбө көпөлөктөр капилет илине калбаса, чымын-чиркей, аары-көгөндөр анда-санда айлана учуп, торго жакын жолобойт.
Жумурткалап алганы куурчакчасынан жарым карыш чыкпай күзөтүп калган: көзү мындай болсо эле анысын бирөө көтөрө каччудай же болбосо кыл курт соруп кетчүдөй туюлат. Ошондуктан куурчакчаны кучактаган бойдон жата берет кезерип. Сегиз көздүн бирин дагы ирмеп койбостон жата берет таттуу кыялдарга батып. Кээ күндөрү өтмүшү түшөт эсине…
Ооба, баары күнү бүгүнкүдөй эсинде: жумурткадан чыгаар замат башка мүшчөлөр менен жарыша энесинин бооруна жабышып, бир заматта мүлжүп кетишкен эле. Кургаган кабыкчасы менен куураган буттары гана калган ар кай жерде чачылып. Анан жыбыраган боюнча ийинден чыгышып, чөптүн башын карай жөрмөлөшкөн жанталаша. Далайларын чымчык чокуп сугунуп, бир далайын аары-көгөн көтөрө качканын көргөн. Насип экен, чөптүн башына аман-эсен жетип алды да, жалбыракка сегиз буту менен жабыша желге ыргалтып желесин үйлөгөн. Ошентип көк асманга көтөрүлүп, болгондо да аркы-терки кайкып учкан көп чымчыктын биринин да көз кырына илинбей көтөрүлүп кеткен обого. Чымчыктардын үстү менен, булуттардын асты менен далай жерге учуп барып анан түшкөн ушу турган үй үстүнө. Ушу коңулун тапкан. Оозуна желе тарткан. Оо, ага не деген гана жем түшпөдү дейсиң: чыңылдап келип чиркей түшчү, дыңылдап келип чымын түшчү, ызылдап келип аары түшчү, көзүн көгөртүп көгөн түшчү, көз жоосун алган кооз көпөлөктөр менен желимчи-чимектер түшчү шыгырап. Кыскасы, ачка калган күнү болгон жок. Ошентип жаз ортосунда баягы кибиреген мүшчө мүчө-бою келишкен ургаачы-затына айланып чыга келди да, күндөрдүн бир күнүндө сегиз көзүн көйкөлтүп махабат бийин баштаган эле…
Туюмунда тукум бези жетилип, эбедейи эзилип эне мээри ойгонорун сезгени менен, махабат деген ажайып азгырыктын минтип капилеттен келерин, шибегенин учундай болгон кичинекей жүрөгү ай-асманга атырылып эмненидир эстен тана эңсетерин, көкүрөк өйүп көксөтөрүн, ооз кургатып чаңкатарын, сегиз көздүн сегизин тең мунарыкка бастырып, сегиз бутту сексен түркүн ыргак менен туйлатып бийлетерин билчү эмес.
Оо, анан айлана-тегерекке аңкыган жыпар жытын буркуратып, бүт денесин бүлкүлдөтүп, бүт желесин сүлкүлдөтүп махабат бийин баштаган.
Ошондо көрдү эркек жөргөмүштү алгач ирет. Бечараны Курт-Теңири ургаачыга тең кылбай, илмийтип ичке, кибиретип кичине кылып кем жараткан экен ов! А бирок айбат менен кайрат жагын аянбастан ыроологон сыңары: тиягынан-биягынан топурап чыга келген ончактысы бири-бирин омуроолоп, өмүр үчүн эмес, өлүм үчүн карчылдаша кармашып, кай биринин көзү агып көр болсо, кээсинин буту жулунуп мунжуга айланды, айрымдарынын кекиртеги кыркылып турган жеринде мүрт кетти. Акыры алдуусу жеңип чыкты бардыгын.
Алдын-күчтүн, баатырдык менен эрдиктин сыйы – ургаачы-затынын ачып берген коюну болот эмеспи!.. Алмустактан уланган макулук салты ушундай.
Ошондогу жүлүн-бойду коргошундай көлкүтүп, жүрөк опкоолжуткан махабат лаззаты Жөргөмүш-эненин эсинде күнү бүгүнкүдөй…
Оо, махабат, махабат!.. Курт-Теңири кыска өмүрдө бир гана ирет тартуулачу даамы ширин ырахат!
Сүйүү – өмүр, сүйүү – бакыт, сүйүү – акылдан азуу, баштан ажыроо…
Курт-макулуктун Жараткан-Теңирине барчу жолу да махабатка байланган: сүйүү лаззатын татып, уругун чачып, тукум улаш үчүн кара жанын курман кылган курт жаныбардын алтын жаны алты кабат асман үстүндөгү жарык жылдызга айланып, түбөлүккө жашап калат деп айтылат аңызда…
Махабат кумары аягына чыккан соң Жөргөмүш-эне Эр-жөргөмүштү аймап-тытып жеп койгон эле моокуму кана. Андай даамдуу азык жоктур жалган дүйнөдө! Бул деген мыкаачылык жосун эмес, Эр-жөргөмүш Эгесине жетсин деген жөрөлгө, алты кабат асман үстүнө жарык жылдызга айланып кетсин деген аруу тилек, эртеңки муун ушул өңдүү эр болсун, алдуу болсун, курт тукуму курут болбой түбөлүккө улансын деген алпейим ырым…
Бүгүнбү же эртеңби, суук катуулап келер замат Жөргөмүш-эне да эртеңки тукумуна кезек берип кара жанын курмандыкка чалары айкын. Бул миллиондогон жылдан бери үзүлбөстөн уланып келаткан аягы жок айлампа…
Бирок, эмнегедир, суук кечиккенден кечиге берди. Мезгил ноябрдын ортосуна оосо дагы жылуулук 10 градуска чейин түшпөй койду. Өтмүшкө айланып өтүп кеткен өмүр-чиркинди эстей берип жедеп эриккенде курттун пири Чаян-Атадан бери атанын уругу, эненин каны аркылуу укумдан-тукумга уланып келаткан эзелки аңызды эстеди Жөргөмүш-эне…
…Улук-Теңир жумуру жер үстүнө суу жаратты каптатып. Суу үстүнө кургакты жаратты бир жерин көл, бир жерин чөл, бир жерин ой, бир жерин тоо кылып. Анан төгөрөккө төрт бурч чыгарып, мезгилди да төрткө бөлдү кара кылды как жарган калыстыгы менен. Асман үстүнө Күн жаратты жерге жарык менен жылуулук тартуулап туруш үчүн. Караңгы менен суукту жасаган жок. Жарык жетпеген жерде караңгы, жылуулук жетпеген жерде суук өзүнөн өзү пайда болду. Ошондон соң көркөмүнөн көз тайгылган ажайып Теңир кунары жок суу асты менен куураган кургактын ажарын ачып турсун деп өсүмдүктү жаратты да, өзү болсо түбөлүк өлбөс, эгерим өчпөс Күн-ааламдын түпкүрүнө төнүп кетти.
Андан кийин Суу-Теңири суу жандыктарын жаратып, балык тукумунун жүрөгүнөн түнөк тапты. Андан кийин өсүмдүк түркүмүнүн өмүр булагы болуп саналган дан-уругу кысыр калып тукуму курут болбосун деп гүл-уругун чаңдаштырып туруш үчүн Курт-Теңири жер үстүнө алты-сегиз аяктуу курт-кумурска, чымын-чиркей, аары-көгөн, көпөлөк өңдүү макулуктарды жаратып, курт тукумунун жүрөгүнөн түнөк тапты. Андан кийин Кайып-Теңири кош канаттуулар менен төрт аяктуу айбандарды жаратып, кайберен-парандалардын жүрөгүнөн түнөк тапты. Акырында Адам-Теңири эки аяктуу пенделерди жаратып, аял-эркек жүрөгүнөн түнөк тапты.
Ошентип жүрөк түпкүрүндө Эгеси бар эчен түркүм жандыктар миллиондогон жылдардан бери Теңир жолунан тескери кетпей өмүр кечирип, тукум улап келишет. Дагы канча миллиондогон жылдар бою бул айлампа-жашоо ушинетип түбөлүккө улана берери акыйкат. Бирок…
Бирок аалам түпкүрүнөн алынган аяндарга караганда кылымдардын кайсы бир кыйырында эки аяктуу киши-пенделер жүрөгүнөн Кудайды кууп чыгып, өзүн өзү Эге эсептеп калат деген аңыз бар. Ал эми Кудай деген – бул бүт ааламды кучагына батырган алпейим сүйүү, айкөлдүк асыл кеменгердик, аска-зоодой аталык ариет менен энелик мээрим, жалаң чылкый жакшы ниеттен турган аруу касиет эмеспи. Жарык жок жерди жоктон бар болуп караңгы, жылуулук жок жерди жоктон бар болуп суук ээлеп калгандай, жакшы ниет кеткен жерди жоктон бар болуп дароо жаман касиет уялайт. Ошентип киши-пендеси өзүмө өзүм Эгемин деген жалган ураан астында бири-бири менен кырылышып-согушуп далай элдер тукум курут жок болот деген имиш бар. Жеңгендери жеңилгенин кор тутуп кул кылат деген имиш бар. Байып-терип дүнүйө-мүлккө, ичип-жеп тамак-ашка, ойноп оюнга, күлүп күлкүгө, шапар тээп шаңга тойбой ачкөз канкор-мыкаачыга, жетеси жок жексурга, Мекенин, элин, эненин тилин чанган маңкуртка айланат деген имиш бар. Балык-балырын калтырбай тута берип суунун, кыйып-оруп отуруп өсүмдүктүн, казып-тытып отуруп жердин кунарын кетирет имиш. Булгай берип аба менен топонун тозун чыгарат имиш. Аруу сүйүү-махабаттын тукум улоочулук улуу уруятын унутуп, утурумдук ден-кумарга, теңге табуу аракетине айлантат имиш. Ошентип аял аял менен, эркек эркек менен лаззатка баткан заман-доордун кезеңи келип, эки аяктуунун тукуму курут болот имиш…
Ушу уламышты эстеген сайын Жөргөмүш эненин жүрөгү тыз-тыз эте сайгылашып, деми кыстыгып кетмей жайы бар. Андайда күлгүн курак күлгө айланып, каран калгыр карылыктын келгенине күңгүрөнө тобо кылат ичинен.
Ошентип ноябрь айы да соңуна чыкты. Мына бүгүн кыш башталды деген күнү бурганактап шамал үйлөп, борошолоп бороон уруп капилеттен суук түштү кар жатпас кара Кочкорго. Карандай суук өпкөдөн өтүп чучукка жетет тимеле. Жөргөмүш-эне эң акыркы аруу озуйпасын аткарууга, ороктой оркойгон эки азуусунда калган анча-мынча уусун кулгуп туруп “кулк” эттире жутуп ийүүгө, анан алты кабат асман үстүнө атып чыгып, түбөлүккө жанып турчу жарык жылдызга айланууга камынып калган маалда ийин оозундагы желеси силкилдеп калды. Жем түшкөндөй сыягы. Бирок анын жемге көөнү жок болчу. Бутуна ороп алган желенин учун коё берди да, желени үзүп бирөө-жарымы ийиндин ичине кире турган болсо жан аябай каршылык көрсөтүш үчүн кайратын топтоп, бошой түшкөн денесин чыйралтты. Сегиз көздүн сегизи тең умачтай ачылып, сегиз буттун сегизи тең сергек серпилет. Байкаса, чын эле, ийинге бирөө кирип келатат. Бул кара жанына калка издеп ушул коңулга коно калган, алты аягын араң зорго кыбыратып шайы качкан кара чымын эле. Каны муздап, мына-мына оор уйкуга баш коёру оту өчө баштаган беш көзүнүн бешөөнөн тең таасын байкалат. Жөргөмүш-эненин: “жакындасаң өлөсүң, бечара, кет-жогол!” деп тамандары менен жерди оё-оё тап бергенин тоотуп дагы койбоду. Тике маңдайында чымын тукумунун жаналгычы турганын, бир-эки көз ирмемден соң желмогузга жем болорун билип турса дагы акыркы күчүн топтоп жыла берди коңулдун төрүн карай.
– Айланайын апаке, махабат даамын тата элекмин… махабат даамын тата элекмин… – дей берди үзүл-кесил чыңылдап.
Жөргөмүш-эне айлап күткөн азыгын Курт-Теңири алдына айдап келип бергенине ыраазы боло кара чымынды карай атырылды. Далайды жалмап маш болгон ал дароо көкжелкеге тиш салды. Тилекке каршы, тиши карышып калыптыр сууктан улам. А чымын байкуш эч каршылык көрсөтпөстөн сулк жатып берди. Кыязы, туйлаарга да чама-чаркы калбаган өңдүү. “Кайра жакшы болду, – ичинен кудуңдап койду Жөргөмүш-эне: – Өп-чап калган уум өзүмө деле керек эмеспи. Өлөсөл неменин алты аягын бууп койсом кайда кетмек эле, жаз алды мүшчөлөрүмө жем болот да” деп желе токуюн десе, желе бези кургап калган белем, өрүлбөй койду анысы. А чымын болсо:
– Апаке… махабат даамын… тата элекмин алиге… – дей берди үзүл-кесил кыңылдап.
Айланып караса кара чымын жаш экен ырасында. Чымын болуп учуп чыкканына ашып кетсе биржарым күн болгондой. Жаңы эле бойго толгондой. Күз аягы махабаттын маалы эмес, анын даамын кайдан татмак эле бу шордуу!
– Айланайын Курт-Теңири жараткан!.. Озуйпаңды орундата албай калдым… кечир мени!..
Кара чымындын минтип озондогон муң-зары Курт-Теңирдин кулагына жеттиби же Жөргөмүш-эненин жүрөгү жибип кеттиби, жаш чымынды эки бутуна илип алып коңулунун суук жетпеген кууш түпкүрүнө коомай жаткырды. Кышкы уйкуга алдырып коюптур бечара, эч нерсени сезген жок, туйган да жок. Бирок каны жүрбөй токтоп калганы менен, жаны тирүү.
Бул – Теңир жылоосу. Төгөрөгү төп жаралган Теңир-Эге ушинтип жай турмушта жан бүткөндүн бардыгын бири-бирине кас кылып жаратканы менен, жамандык башка түшкөндө дос кылып коёт бир заматта. Жамандык кыстап турганда бири-бирин колдоп таябаса, аябаса анын неси жаныбар? Бул – жүрөгүнүн түпкүрүн Кудай уялаган ар бир жандын аруу касиети, улук сапаты. Тээ баягы дүйнөнү түгөл топон суу каптаганда да алар ушинтип жанаша отуруп жан сактаган эмеспи бир кемеде. Бири-бирин жеп койгондо жашоо-өмүр уланат беле ушинтип? Жок.
– Жаша, бирбоорум! Озуйпаңды орундат! – деди Жөргөмүш-эне кара чымындын катып калган тосток көзүн аймалай: – Сен бар болсоң мен бармын, биз бар болсок Курт-Теңири да бар. Курт тукуму курут болбой түбөлүккө улана берсин!..
Ошентти да ороктой оркойгон эки азуусундагы заар-уусун кулгуп туруп “кулк” эттире жутуп жиберип, куурчакчасын кучактаган бойдон катып калды…
***
Айыл четинде чала бүткөн эки кабат үй жетимсирей обочолонуп турат башкалардан. Анткени айылдын таш төгүлүп тегизделген даңгыр жолу ага жетпей үзүлөт. Башка үйлөрдүн тегерек-чети тосулуп, короолору корулуу, а бул үйдүн айлана-тегереги аңгырап бош…
Үйдүн таржымал-тарыхы тээ алыстан башталат.
Илгерки өткөн заманда Теңирине тайынып, ташка-сууга сыйынып табият менен камыр-жумур жашаган тыргоот аттуу момун калк болуптур. Катылгандын катыгын берген эр көкүрөк, бирок кумурскага да забын тийгизбей бейпил турмуш кечирген аз эл экен.
Күндөрдүн бир күнүндө аларды “кудайсыздарды Кудай жолуна тартабыз” деген шылтоо менен күтүрөгөн көп найман басып кирет да, байыртадан берки кут-мазарларын күмжам кыла талкалап, чокуга чокмор ойнотуу менен несториан-тарса динине тартып, чокчо сакал Ыйса байгамбарга чокунтушат. Мында бир бөксөрөт бечара калк. Ал аңгыча монгол жапырыгы башталып, “Теңирге тайынгыла!” деп тебелеп кетишет тыргооту ким, найманы ким экенин ылгабастан. Мында бир бөксөрөт бечара калк. Анан могулдар чыгып, кылычтын мизи, найзанын тиши менен аларды ислам динин тутунууга мажбурлап, чокчо сакал Мукамбет байгамбарга чөгөлөтөт. Антип да бир ирет бөксөрөт калк. Мааниси кандай экени түшүнүксүз кулдур-чулдур куранга тил жаңыдан жатыгып келатканда ойроттор омуроолотуп кирип, “чокчо сакал Бут байгамбарга сыйынгыла” деп сазайларын окутат. Дагы бөксөрөт бечара калк. Ал аңгыча кыска чөптү кырып, узун чөптү оруп Орол жактан орусу келет опурулуп. Алардын максаты – жапайы динсиз элди чокундуруп, чокчо сакал Ыйса байгамбарга сыйынтуу эле. Кыскасы, ошентип-ошентип отуруп он тогузунчу кылымдын аягында казак ичинде жалгыз түтүн тыргоот калат. Бирок түтүн ээси Эртудур казактардын үч жүзүнүн бирөөнө да кошулбай, “урааным Тыргоот, улутум Тыргоот, уруум Тыргоот” деп көжөрө берет. Ошентип жүрүп Эртудур аты өчүп, Тыргоот аталып кетет. Оокатка тың, сөзгө чечен, такыба киши экен. Эрезеге жеткен эки уулу менен жаңыдан алтыга аяк таштаган кенжесин ээрчитип алып, ажылыкка аттанат Мекеге сапар салган ногой-татарларга кошулуп. Андан келгенден кийин арапча кат сабаты ачылып, дин жаатында түшүнүгү кең болгондугуна байланыштуу дамбылда-ажы аталып, ногой, татар, арап тилдеринде түш жоруп, орусчаны өөдүк-сөөдүк которо койчу жөндөмү аркылуу тилмечтик милдет өтөп казак байлары менен бийлерине кадыры артат. Алардын колдоосу менен жер-жерлерге мечит салдырат, медресе ачат. Аңгыча эле заман жолу аңтар-теңтер алмашып, казак жергесинде Кеңеш бийлиги орнойт да, “теңдик келди, кудай буюрса үч уулум үч урук тыргоотко айланат” деп күндө беш маал бата тилеп жүргөн чакта коммунисттер “Кудайды жоготобуз!” деген жоболоңдуу жорукту башташат. Казак балдарынын кат-сабатын ачып, калкты ыйманга үндөгөндөн башка түк күнөөсү жок Тыргоот-ажыга “тап душманы”, “антисоветтик агитация жүргүзгөн”, “карапайым калкты динге үгүттөгөн” деген жалаа жабылып, эки уулу менен кошо абакка алынат. НКВДнын кан ичерлери көгала койдой тепкилеп, сөөгүн чагып-жанчканына карабастан жогорудагы айыптардын бирин дагы мойнуна албай, “Кудай жок” деп айтпай коёт. Тескерисинче, “Кудай бар… Кудай бар” деп көжөрөт. Ошондо жедеп эси оогон энкывыдынын комиссары тапанчасын сууруп чыгып, аны бурчка такайт.
– Кудай деген бар болсо, айтчы, ал каякта отурат? Азыр атып өлтүрөм.
– Кудайды атып өлтүрө албайсың, карагым! – дейт абышка оозуна батташкан канды сүртүп.
– Эмне үчүн?
– Кудай – бул чексиз мээрим. Кудай – бул жандуу-жансыздын кылына кыпат кылбаган айкөлдүк. Кудай – бул бүт ааламды өз ичине батырган аруу сүйүү. Кудай – бул адамды адам кылып турган агедил ыйман. Эне мээримин өлтүрө аласыңбы? Жок. Эненин сүйүүсүн өлтүрө аласыңбы? Өлтүрө албайсың, балам. Андан көрө ушунчаңарда ыйманыңарга кайткыла.
– Ук, алжыган абышка! – деп көзүнөн заарын чачат комиссар: – Кудай – бул дин. Дин – бул элдин башын айланткан апийим. Биз коммунисттер бүт жер жүзүн ошол апийимден тазалайбыз. Бүт жер жүзүндө динди жок кылабыз.
– Анда силер кимге тайынып, кимге сыйынасыңар? Адамзаты ыйык туткан бир нерсе болушу абзел го?
– Биз пролетариаттын улуу жолбашчысы жолдош Владимир Ильич Ленинге сыйынабыз! – дейт комиссар үстөлүнүн үстүндөгү чокчо сакал орустун сүрөтүн жаңсай: – Анын жасап жаткан иштеринин бардыгы ыйык.
– А ал өлгөндөн кийин кимге сыйынасыңар?
Муну укканда комиссардын көзү чанагынан чыгып кете жаздайт.
– Ленин өлбөйт! Ленин түбөлүккө жашайт! – деп күүлөнүп туруп тапанчанын кундагы менен төбөдөн ары бир коёт да, кекиртектен алып муунтуп кирет: – Башты оорутпай көрсөт мага Кудайыңды, акмак абышка! Көрсөт дейм!..
Абышка эптеп боюн түзөп, башын бийик көтөрүп сөөмөйүнүн учу менен көкүрөгүн сайып көргөзөт.
– Кудай деген ар кимдин жүрөгүндө болот…
Тарс, тарс, тарс, тарс… Тапанчанын огу түгөнгөндө анын оозунан сызылган жыты кермек түтүндү үйлөп, комиссар кекээрлене сүйлөнөт.
– Биз Кудайды жок кылабыз ушинтип…
Тарс, тарс, тарс, тарс… Ал түнү таң аткыча мылтык үнү басылган жок. Жамбыл түрмөсүнө жык-жыйма камалган молдолор менен поптор, мусулмандар менен тарсалар кучакташкан бойдон бир чуңкурдан акыреттик жай табышты… Анда бир бөксөрдү бечара калк.
Ошол кезде Тыргооттун тирикарак кичүү уулу, комсомолдун мүчөсү Теңирберди Ташкендеги мугалимдер мектебинде окуп жүргөн кези экен. Бу жерде калышса Ажы-бала атанып жалпы казак арасында кадыр күткөн жалгыз чырагынан айрылып, тыргооттордун тукуму курут болорун алдын-ала туйган Тыргооттун казак байбичеси Кадиша менен кыргыз токолу, Теңирбердинин апасы Алымбүбү экөө түн ката жөө-жалаңдай качып чыгышат да, Ташкенден аны эптеп жазгырып, Алымбүбүнүн кайын-журтунан калка издешет. Алар болсо “булардын кээри бизге дагы тийип калбасын” деген тейде Чүй ичиндеги алыс туугандарына табышташат тигилерди. Аңгыча эле казак жерин ачарчылык каптап, “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп мекен-турпак менен байланыш-кабар үзүлөт.
Согуштун алдында айыл мектебинин деректири Теңирбердинин Ташкенде “эл душмандары” менен бирге окуганы ачыкка чыгып, “алашчы”, “пантүркчү”, “буржуазиянын жашыруун тыңчысы” деген жалаа менен түрмөгө түшөт. Ошону менен дайыны билинбей жоголот. Көрсө ал бечара “мынча киши жок кылынсын” деген Маскөөдөн түшкөн планды аткарыш үчүн камалгандын эртеси эле атылып кеткен экен.
Теңирбердинин Ташкенде окуп жүргөндө табышкан өмүрлүк жары Кыздархан ногой кызы эле. Педтехникумду бүтпөй калганына карабастан кыргыз балдарга орус тилинен сабак берип, өмүрүнүн аягына чейин мугалим болуп иштеген. Улуу баласы Өзгөрүш согуш аяктаар алдында аскерге чакырылып, “Варшава шаарын бошотууда баатырларча курман болду” деген кара кагаз келген. Кичүү уулу Жолоочунун Туратбек, Муратбек деген балдары эрезеге жетип калган кезде: “Кудайымдын мунусуна да шүгүр, тыргоот тукумун ушуларым улантат” деп санаасы тынып акка моюн сунган. Жолоочу болсо “Кудай жок” деген динбезер коммунисттердин катарында болсо да беш убак намазын бузбай окуп жүрүп, кечээ-жакында эле – Совет мамлекети ыдырап-талкаланган учурда дүйнө салган.
Туратбек жети кызды чоңойтуп туурдан учурган. Турмуш оордогон кезде ата-энесин Чүйгө көчүрүп кетишкен ошол кыздары. А Муратбек апасы Бүкөнгө каралап айылда кала берген. Мектепте мугалим болуп иштейт. Келинчеги Нагиманын кесиби доктур. Нарындык татар кызы. Кыйла жылдар бою Нагиманын согончогу канабай жүрүп, тыргооттордун тукумун улай турган бир уул төрөп берди, кудай жалгап. Ошону менен төрөттөн калган. Баланын аты – Медер. Эрке-талтаң болбой эстүү чоңойду. Мектепти жалаң “беш” менен аяктап, ата-энеге күч келтирбей өз күчү менен жогорку окуу жайына өтүп алган. Кыздар тургай эркектананы да суктантаар келбеттүү, сулуу жигит. Окууну бүткөндөрдүн далайы дипломун көтөрүп алып жумуш таппай көчө таптап жүрүшсө, Медер окуусун бүтө элек жатып адегенде түрктөр менен, андан соң немистер менен кызматташып жүрүп, ончакты жыл илгери Германияга иштеп кеткен.
Муратбек менен Нагима-апай уул үйлөнтүп, небере жытын жыттасак, кудай буюрса Медерибиз тыргоот тукумун андан ары улап кетер деген илгери үмүт менен айылдын сыртынан жер бөлдүрүп, эптеп тапкан-ташыгандарынын чыпчыргасын коротпой ушул европалык сындагы эки кабат үйдү тургузушкан. Бирок, тилекке каршы, аны куруп бүтүрүүгө үлгүрбөй калышты.
2020-жылдагы Ковид тумоосу учурунда айылдын жалгыз доктуру Нагима-апай үйдөн үйгө жүгүрүп сыркоолорго ийне сайып, оордоп бараткандарын Туратбектин “Жигулиси” менен районго ташып, экөө күнү тыным, түнү уйку көрүшкөн жок. Ошентип жан аябай апаат-тумоодон бир айыл элди арачалап калышканы менен, экөөсү тең Ковидден сакая албай удаама-удаа кете беришти желим баштыкка салынып көмүлүшүп. Карандай жалгыз башы калган Бүкөн-эне бүк түшүп жыгылып, уул-келининин жетилигине жетпей жан таслим болду. Кабар жетпей калдыбы, же жолдун жабыгы тоскоол болдубу, Медер өлүк зыйнатына келген жок. Дале келе элек. Калпы-чынын ким билсин, ал азамат өзүндөй бир немис эркек менен эрди-катын болуп алыптыр деген каңшаар бар…
…Айыл четинде чала бүткөн эки кабат үй дале жетимсирей обочолонуп турат башкалардан…
[1] Мүшчө – жөргөмүштүн баласы.